Айым Талгатбек кызы


"Ок жонгон кыз"


"Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат", - деген нуска кеп бар элибизде. Эне көргөн Айым кыз тон эле бычпай, уул ордуна ок жонуп Ата жолун да улаптыр. Ата жолун улаганы - Айымдын атасы Талгатбек Жусупов убагындагы эң күчтүү педагогдордун бири болгон. Өмүр бою Тянь-Шань районундагы Куланак орто мектебинде иштеди. Кыргыз тили жана адабияты боюнча сабак берүчү. Мектепте окуп жүргөн жылдары менин адабий шыгыма баам салып, окуучулук курактагы аңгеме, ырларымды окуп, биринчи профессионал кеп-кеңештерин айткан да ушул адам эле. Ооба, адатта, айылдагы адабият мугалими чымындуу балдардын эң биринчи адис устаты болору белгилүү. Такан агай да бизге ошондой устат эле, бирок анын билим деңгээли, илимди туюнуусу акыйкатта айылдык деп аталган деңгээлден оо кыйла-кыйла бийик эле. Ал ички күчтүү даярдыктын ээси болчу. 60-жылдардын аяк ченинде Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуп жүргөн жылдары Абдыгул Жапаров, Бейшегүл Үмөталиева өңдүү ал кездеги кыргыз тил илиминин корифейлери өздөрүнүн окууну эчак бүтүрүп кеткен студентинин аты-жөнүн унутпай, эң бир жылуу сезим менен эстеп жүрүшкөндүктөрүнө эчен ирет күбө болдум. Ал тургай бир жолу сессияда катаал (а баага андан да катаал) Бейшегүл эжебиз

- Талгатбек окуткан бала жаман болбойт, - деп ансыз да такылдап турган мага чечилип беш деген бааны коюп бергени эсимде. "Т. Жусуповдун окутуу усулу" делип кийин Тянь-Шань районунун мектептеринде анын иш тажрыйбасы жайылтылып да жүрдү. Ооба, окуучу-мугалим ортосундагы терең сыйга, сүйүү ымаласына негиз түзгөн нерсе бул - илим, билим айдыңы. Окуучусунан өз илиминин уланганын көрүп турган мугалим бактылуу. Мына эми мен дагы өзүбүздүн айылдан, касиеттүү Кошойдун Кара-Тоосу деп аталган улуу тоонун обологон кош чокусунун дал түбүнөн орун алган ыйык Куланак айылымдан чыккан бир чымындуу кыздын колунан жаралган тырмак алды эмгегин окуп, кубанып, анан аны Сизге сунуштап олтурамын, азиз окурман.

Айымдын жазгандарын мен Сизге анын атасынын, өзүмдүн айгайымдын арбагын терең сыйлагандан эле жолдоп олтурган жерим жок. Буга Айымдын аңгемелери өзү түздөн-түз себепкер. Китепчени окуп чыккан адам буга астейдил ишенер. Арийне, чыгарманы Мезгил жаратат. Анын маанайын Мезгил аныктайт. Эсеби, баарыбыз окуп, тарбияланып чыккан кечээги социалисттик реализм теориясынын талабында жаралган адабиятта (соцреализм өзү өтө терең теория, эгерде аны ураанчыл саясатчылар, конъюктурачыл жазуучулар шаблонго, схематизмге бастырып жиберишкен болсо, теориянын эч айыбы жок жана бул башка кеп. Жашоонун философиясы өзү түбүндө жакшылыкка умтулгуч жана алдыга үмүткөр!) кандайдыр бир орчун ой айтуу, сөзсүз бир проблема көтөрүү, бийик-бийик идеяларга маштоо, типтештирүү маселелери башкы орунда туруп келгенин билебиз.

Ал тургай: "Поэзиянын өзүндө милдеттүү түрдө бир ой айтылыш керек", - деп да жүргөнбүз. "Баарыбыз Гоголдун "Шинелинен" чыкканбыз", - дегендей, биз көпчүлүгүбүз ошол талап-идеянын жетегинде калыптандык. Ошол эле учурда: "идеясыз", "турмуштун майда-баратын терип-тепчиме", "бытовизм" деген өңдүү айып тагылып, далай чыгармалардын сын-тепкиде калганы да чын.


В. Шукшин, В. Белов өңдүү орус залкарлары "натурализм" деген таш жарлыкты өздөрүнө илештирбей талант кудуретине салып жарып чыгып кетишкени да чын.

Биздин мындай бийик мисалдарды келтиргенибиз - чындыктын (адабий чындыктын) жүзүн өзүбүзгө дааналап алалы деген ниеттен улам болду. Мисалы, Айымдын да аңгемелеринен, эгерде аларга жогоруда айтылган талап-критерийлерден чыгып мамиле эте келсек, бийик-бийик идеяларды, же атайлап бута мелжеген проблемаларды көрө албайбыз. Демек, муну да кынтыктап дүңүнөн "натурализм" деп санап коюшка болот. А бирок ошол натурада агып жаткан күндөлүк турмуштун келбети өзүнүн нукура бир жалт чагылышында таамай кармалып калганын да эч ким тана албас. Демек, адабият деген, айрыкча, турмуш ирмемдерин, (керек болсо, типтештирүүгө эч мүмкүн эмес!) анын кайталангыс бир кездерин кармап калууга белсенген жанр катары, аңгеме жанры, сөздүн жакшы маанисиндеги натурализмди талап кылып туруп алары да чын. Ырасында эле, чыныгы адабият жасалган калыптарга кармалбайт, ал агылып турган турмуштун өзүндөй.

Бул айтылгандар Айымдын "Ындыкара", "Сүт акы", "Пейилдин жоголушу" өңдүү жана башка дурус аңгемелеринин табиятын мүнөздөйт.

Жаш автордун каламын өзгөчөлөп турган дагы бир жагдай - новеллалуулук, күтүүсүздүк, учкулдук. Мына ушул сапаттын өзү анын чыгармаларын шаблондуу көңдөйлүктүн айылынан алыстатып, жогоруда айтылган, типтештиришке мүмкүн болбогон жагдайга чайып, агылып жаткан турмуштун бир ирмемин фотокөздөй бет алдыга кармап берет.

Сөзүбүздүн баш жагында адабият - мезгилдин күзгүсү дедик. Жаш автордун жөнөкөй да, сатиралык да аңгемелеринде өзүбүз жашап жаткан мезгил чагылдырылган. Азыр бир заман оодарылып, бир заман оожалып жаткан кезең. Арыкка жаңы суу салынганда андагы болгон бардык кир, ыпыр-сыпыр, акыр-чикир калкып үстүнө чыккандай азыр адамдын да адамдыгы сыналып, пейил- кую теңшелип, тагдырлар таразага ачык түшүп, дөөлөт (ценность) сыналган бир кезең.

Демек, учурдун элесин таланттуу макалаларда, изденгич идеяларда, ойчул чабыттарда эле эмес, дал ушундай хроникалык тактыкта, сөздүн жакшы маанисиндеги натурализмде, кайталангыстыгында "жылт" кармап калган аңгемелер келечек үчүн керек. Реалисттик адабияттын башкы озуйпасы деле барып-келип мезгилдин картинасын келечекке дал турпатында дабыштап жеткирүүгө байланышкан.

Ырас, жыйнактагы аңгемелер бир кылка эмес, анда бир кездеги студенттик жай баяндардан баштап, "Тогуз кайрык" учкул циклдеринин, же бир караганда айыпсыз көрүнгөн, а бирок азил-күлкүнүн артында азалуу ый жаткан, ачынган, бир шилтем аңгемелеринин аралыгы жатат. Анда автордун жан дүйнөсүнүн кыймылы, каламынын изи калган. Окурман ошол калам төшөлтүү процессин көз алдына тутсун үчүн, аңгемелерин иретинде, ыраатында болгонун болгондой бердик.

Анан да бир сөз - Айым азыр атасы иштеген тоо арасындагы айылдык мектепте мугалим. Кыргыз тили, адабиятынан сабак берет. Адабий чөйрөдөн алыс, ал тургай адабий китептер да мурдагыдай таралбай калган. Сабактан тышкары элеттик келиндердин милдети моюнундагы түгөнбөс түйшүк, күндөлүк турмуш-тирликтен бошобой, а түндөсү балдарын уктатып коюп, бал жыйнап келген аарыдай оюна жыя келген образдарын чырактын алдына жайып алып, түн менен сырдашып, ак кагаз саймалап чыккан, кайра эртеси кара турмушка киришкен, кайра түндөсү чырак, кайра күндүзү түйшүк... абалын элестетсек, анда анын адабиятка чын берилген сүйүүсүн, изгилигин туябыз. Анын ушул аракетчилдигинин өзү эле жылуу сөзгө арзыйт.

Ошон үчүн ага, сөз соңунда, арыба, мүмкүнчүлүгүңдүн болушунча, чеберчилигиңдин жетишинче өзүң көргөн-билген тааныш турмушту кагазга мөөрлөп калтыра бер демекчибиз. Ал эми бир жерден таамай кармалган турмуш экинчи бир жердин элесин жаратат. Анткени турмуштун теги жалпы, түбү типтүү. "Типтүүлүк" дегендин түйшүгү ушунда.

Чеберчилик болсо жаза-жаза калыптанат. Ал эмесе, карындашым, канатың талыбасын! Ак жол, Сага! "кол тамга>Чоюн Өмүралиев - жазуучу ?г<_-_Ө _cл<л, 29. 02. 2002-|.

(аңгеме)

Жасалгаланган машина чоң көчөнүн бурулушунан баштап эле пипилдетип, фараларын кечки күүгүмдө жаркыратып эшиктин алдына кирип келип токтоду. Сигналды уккан кемпир-кесек, келин-кыздар дүрбөшүп, эшикке чыгып, жарданып күтүп калышты. Жигулиден чыккан жигит: "Сүйүнчү! Келин келди!" - деп тургандарга кыйкырды. "Болсун! Болсун!" - деп айтышып, эки келин машинанын арткы эшигине жүткүнүштү. Уялып жер караган кызды жетелеп үйгө киргизип, босогодон кемпирлер чачыла төгүштү. Жоолукту Эрмектин апасы өзү салды. Чыр-чатагы, көз жашы жок эле олтуруп калды колукту. "Алдыңа кетейин, алганың менен тең кары", - деп маңдайынан сүйүп, жүгүндүрдү кайнене. Кемпирлер, келиндер жоолук салып, келин көрүп кирип-чыгып жатышты.

Буркураган самоордон чай куюлуп, дасторкондо жаңы бышкан боорсок жайнап, дүйүм тамак, таттуу-паттуу коюлган. Үй ичи күлкү, бака-шака сөздөр. Эшик алдында музыка жаңырат.

Эл чогулуп, түлөөгө аталып койлор союлду. Колдоруна печенье кармап, чөнтөгүн момпосуй, жаңгакка тултуйткан наристелер ары-бери чуркап, оюн менен алек. Колукту кубаныч алып келди айылга. Күйөө теңтуштары менен өзүнчө болуп, жакшылыгын бөлүшүүдө.

Бир ящик арак, тирүү коюн, коробкасы менен таттуусун салып, акчасын жоолукка түйүп, үй ээси Турсунбайлар ачуу басарга кетишти. "Кудаларым жакшы кабыл алды, нике тоюңарды баштагыла", - деп көңүлү тынып, эртеси кечке маал келип калышты ачуу басарга кеткендер. Жыйырма бир жаштагы жаш молдо нике кыйды. Эрди-катындын жашоосу, ынтымак, үй-бүлөдөгү эрежелер жөнүндө көп мисалдар айтылды. Олтургандар тынч олтуруп угуп, кеседиги таттуу суудан ууртап, жаштарга батасын берип тарашты.

Эртеси келинге той берилип, коноктор чакырылды. Баштыктарын көтөрүп меймандар келип жатышты.

- Ботом, мага эмне сүйүнчүлөтпөйсүң?

- Келин кут болсун!

- Айтканыңар келсин, өткүлө, келгиле!

Ар кимдин таарынычы, сыры төгүлүп, уккан жаңылыктары айтылып, ысык чай ичилип, шашпай олтурушуп, чер жазышты.

- Ботом, тиги Дуулаттыкы келин алса, араң эле он беш киши кубалап келиптир дейт, жоо баскандай, - деп тепейген кемпир кеп баштады.

- Ий, бетим, анча эмне көп?

- Ким билсин, шайын оодарышты Дуулаттын.

- Тим кой, ага ошол эле жарашат. Кимге эле тойгузуп ашыкча чыгым кылып той берип коюптур.

- Кайдан алыптыр келинди?

- Нарындын аркы башынан дейт.

- Атың өчкүр... ии, Кара-Чий деген айыл экен.

- Сүйлөшүптүрбү?

- Ким билсин. Нарындан байкеси таап берсе керек.

Аңгыча эшиктен бирөө чуркап кирди:

- Куугунчу келди! Куугунчу!

- Ок! Эмне дейт? - Жанагы кемпир чочуп кетип, чайкап олтурган чынысын коё калды.

- Кана? - Олтургандар тура калышты.

- Тоскула!

Pleer

Үйгө узун-узун үч аял кирип келишти.

- Уяты жоктор. Кана Неля? - Шымчан сары келин сөз баштады. - Кайда?

- Келгиле, кыздар! Төргө өткүлө. Келгиле! - деп кудагыйы залга кол сермеди.

- Төрүңөргө өзүңөр өткүлө! Неля кана? - деп арык узун бойлуу карасы өкүм сүйлөдү. - Эмне үчүн кой уурдагансып алып качтыңар?

- Кечирип койгула, кулдугубуз бар, кудачалар. Жай олтуруп чай ичкиле. Салт ушул экен, - деди Турсунбай, аялдардын алдын тосуп.

- Салтыңарды биз билбейбиз! - деди бирөө.

- Силерден чай сураган жокпуз, Неля ушул үйдөбү? - деди Турсунбай жапкан эшикти көрсөтүп жанагы карасы.

- Ооба. Алыстан чарчап келдиңер. Адегенде чай ичкилечи, - Зейне сары келиндин колун кармады. - Кудагыйың мен болом, жүрүңүз, кудача.

- Кудача деп коёт. Азыр сиңдимди көрсөткүлө, биз алып кеткени келдик. Коё бергиле, болбосо милицияга беребиз.

Куугунчулар келиндин үстүнө киришти.

- Муну кара, эчак олтуруп алган тура!

- Жыргап олтурганын! Тапкан экенсиң эрди.

- Эжеке! - Неля улуу эжесин кучактап ыйлады.

- Сүйлөшүп келдиң беле? - Карасы сурады.

- ... - келин унчукпады.

- Чеч! - Кара неме сиңдисинин башындагы жоолукту чечип көшөгөгө арта салды. - Кана өзүңдүн кийимиң? - Дивандын үстүндө турган пакетти келинге карматты. - Бол! Сен үчүн биз темселеп...

- Канча айттым мен, айылдык балдарга жолобо деп... айбанды! - Сиңдисине сарысы да тиштенди.

- Койгула, секет кетейиндер, нике кыйылды, той бердик, ачуу басарды тостуңар. Бериде турган арык кара кемпир кудачаларга унчукту.

- Нике кыйылмактан эмне болсо да кетет. Чыга тургулачы, башты оорутпай. Неля кийинсин, кетебиз.

Кемпир-кесек бөлмөдөн чыгып кетишти. Колуктуну кийинтип, эже-сиңдилер жулкулдатып коридорго чыгышты. Коридордун босогосунда нан, туз кармап кудагыйы Зейне, камчысын мойнуна арта салып Турсунбай, Эрмектин теңтуштары, келин-кесектер, эл-журт турушту.

- Кудачалар! Бүлөбүздү таштап кеткиле. Нан, туз, камчынын анты болот, биздин башыбызды аттабагыла! - деди үй ээси.

- Тигини! Уурдап келип, бүлөбүз дейт. Неля силерге бүлө боло албайт. Нарын деген тоо болсо, Куланагыңар кайдагы жер? Жердин эле түбү экен. Силер караңгысыңар.

- Ээ, ботом, свет өчпөйт бизде, күйүп эле турбайбы, - арык кемпир шыпшынып койду.

- Какая дикость! Шаарда жашайт биздин Неля! Акча керек, коммерция кылат. Силер Бишкектен алыссыңар. Айылга жашабайт кызыбыз.

- Аа, кокуй! Турсунбайда акча бар, үй-оокат деген кудайга шүгүр. Ушунун баары Эрмектики болот. Эшикте машина турат. Кудайдын буйругу менен... - деп келатты эле алиги кемпир, кара кыз сөзүн бөлдү:

- Кудай, кудай деп, кудайдын кандай тиешеси бар? Болду сүйлөбөгүлөчү, башым ооруп кетти. Жол бошоткула!

- Коюуңуз, чоң кыз. Неля өзү сүйлөсүн.

- Сүйлөбөйт! Бул азыр кичинекей, мээсин айлантып койгонсуңар.

- Антпегиле!

Жолун тоскон жигиттин билегин тытып алды куугунчу кара кыз.

- Фу! Ушундай кишилер мени тажатты. Ары тур, азыр тээп жиберем.

- Апей! Койгула, кудачалар! Ушунча элдин кусуру урат силерди. Эсиңерге келгиле! - деди арыда турган толук келин.

Камчы, туз, нанды аттап кете алышпады куугунчулар. Көгөрүп тура беришти. Түнкү саат он экиден өттү. Чай берилди. Ичишти. Эт тартылды. Жешти. Бут кийим, пальтолору менен кыйшайышты. Коноктордон көңүлдөрү тынган той ээлери: "Өх!" - дешти. Музыка кайрадан жаңырды. Баятан бери жашынып жүргөн күйөө бала достору менен үйгө келди. Бийлешти. Куугунчулар минип келген иномарканын шофёрун ортосуна алып жатышты. Тойлогондор магдырап уйкуга кетишти.

- Кокуй! Качып кетишиптир! - Зейненин үнүнөн улам үйдөгүлөр таңкы саат сегизде көздөрүн ушалап тура келишти. Шофёру калып, куугунчулар келини менен жок.

-Түндө жөө качып кетишиптир. Сүйлөшкөнү бар экен.

- Ботом, эртең менен шейшеп жайбаптыр. Жанагы жигити башка болчу дегени чын тура.

- Эрмек эртең менен ыйлап жүргөн дейт.

- Жанагы эжеси Нурсулуу эмес эле, Нуржелмогуздун өзү тура. Сапардын бетин тытып алыптыр. Ичке тепти дейт.

- Ошол эжеси баарын башкарат тура. "Силер дикийсиңер, Бишкекке жашатам", - дептир. Эрмекти жолдон кармап алып сабаган тура.

- Кесирлүү немелер экен. Өздөрүнө жаман. "Кыз деген кызылчадан көп, кечке чейин эле каалаган кызыңды алперем", - дептир Турсунбай баласына. "Боорсок жасап кайра тойго камынышты" дейт.

- Тиги Урматтын кызын алперет экен.

- Көлгө канча менен барыптыр?

- Он миң сом, бир кой, бир ящик арак дейт. Жылкысын кийин жеткирмек экен.

- Акчасын эми бербейт да көлдүктөр.

- Булар ошол күйөөгө тийбей, айына бирден жигитке качып бизнес жасаган немелер окшойт.

- Туура айтасың. Кашемир кийип, акча гана керек деп атпайбы. Эжеси да кара далы неме экен. Андайлар көптү жасайт.

Айыл ичинде Турсунбайдын келинин талкуулап жатышты. Жоолуктар илинип, ичинде кара көздүү, ак үлбүрөк салынган назик Нелясыз аңгыраган парча көшөгөдө көмкөрөсүнөн түшүп жаткан Эрмекти кечке маал бирөө түрттү.

- Эрмек! Ай, Эрмек! Мен качып келдим, - шым кийип, көзү шишип, чачы таралбаган, чарчаган Неля Эрмектин жанында олтурду.

Уйпаланган бетеге

(аңгеме)

"Анан дагы калды эсимде

Уйпаланган бетеге...",

- ха-ха-ха! - деп шаңкылдап жаңы эле ырдап бүткөн ырын өзү кубаттап күлүп олтурду Мунира. Бүгүнкү тойдун көркүн жалгыз өзү ачкандай, маралдай маңкая басып, кирип-чыгып идиш-аякты кармап, ашканадагы казанчыларга аралашып, "обслуживающийлердин" катарында жүргөн болот. Ашканада, боз үйдө кызмат кылган жигиттердин улам бири шылтоолоп чакырып, "жеңелешет". Ан сайын коюу кара каштарына ак жылтырак жоолугун жараштырып, көкүрөк-жамбашын чыпталышкан кара синтетика костюму турпатын маникендикиндей көрсөтүп, караган адамдын көзүн өзүнө кадап, шаңкылдаган күлкүсү кимдин да болбосун көңүлүн бурбай койбойт. Өзгөчө шайыр болду бүгүн Мунира.

- Ай, Рамис, Ра-ми-ис! Карачы мени. Мен уйпаланбай атам. Бирдеме десең боло! - деди бир кезде самоор кайнатып турган жигитке. Узун бойлуу, чымыр денелүү, ак жуумал татынакай келген Рамис үйлөнө элек болсо да, көп келиндер көз арытып, көңүл ачар майрамдарда кошуп алыша турган:

- Эмне, "жеңесинин бир саны кайнисиники", - дейт, Рамис бизди ээрчисе, эч нерсе болбойт, ичиң тарып жатабы? - деп Мунира Рамистин эжесин сүйлөтпөй койгон өгүнү. Рамиске бул сөздөр чоочун эмес эле, себеби ага кыздар кат жазып, өздөрү келе беришчү.

- Ах, Рамис, мен качан уйпаланам? - деди жаңырган музыкага бийлеп, басып келген Мунира башындагы жоолугун чечип, белине байлап жатып. Артынан көз салып турган жаш жигиттер көз ымдап, Рамисти нукуп коюшту:

- Барсаңчы, жеңеңди кокуйлатпай?

- Ха-ха-ха!

- Эти ысып калган го?

Самоорго чакадан суу куюп жаткан Алмагүл Мунирага басып келди да, колунан жетелеп ашканага алып кетти:

- Басчы бул жакка! Сен эмне болуп жатасың? Эс алсаңчы, бизди уят кылбай.

- Мен сага эмне кылдым? Көрө албай жатасыңбы мени? - оозунан буркурап ачкыл жыт келип жатты.

- Өлүгүңдү көрөйүн экенсиң бир! Жакшы болсоң! Эркектерге күлкү болбой. Өлүп баратасыңбы?

- Алмаш, мени менен ишиң болбосун, макулбу? Мени мас деп ойлоп турасыңбы? Мен сопсоомун, түшүндүңбү? - деди да, буттарын сүйрөп Мунира ашканадан чыгып кетти.

Музыка жаңырып, күзгү кечте Арстанбектин эшигинин алдында классташтар бийлеп турушту. Булар жыйырма жылы мурда чогуу окуган эле. Мектепке жолугушуу кечесине келишкен. Бир класстан жыйырма бүтүрүүчү, өмүрлүк жолдоштору, бала-бакырасы менен, кызмат кылган келиндер, жигиттер мында жүргөндөр баш-аягы жетимиштей адам ырдап-бийлешип, маектешип боз үйдө, ашканада, там ичинде жүрүшөт. Арстанбек бийлегендерге жарыя кылды:

- Ким жакшы бийлесе, коньякты утат. Келиндерге жоолук, жигиттерге арак.

Бийлеп жатышты. Жыйырма жылдан бери сагыншыкан классташтардын чарчай турган түрлөрү жок. Үйгө кирмек болушту. Тамак даяр болуптур. Шаардан келген коммерсант Тахирдин татынакай колуктусу кыйын бийлейт экен, коньякты байгеге алды.

- Кана, кана! Светочка, сыйлыгыңыз кут болсун! Кубанычыңызды бөлүшөсүзбү? Жыйырма беш сулуунун ичинен өзүңүз гана бийчи экенсиз, калганын өзүңүз билесиз да? - деди Тимур, кол чаап. - Кол чаап коюңуздар, классташтар?!

- Сөзсүз бөлүшөм. Только азыр Тахирди таап алайын. Байгеңерди көрсөтүп коёюн. Балдар, ары жактан Тахирди чакырып койгулачы? - деди Света.

- Урмат, Тахирди чакырчы, - Тимур балдардын бирөөсүнө тапшырды.

- Байке, бул жакта ал жок экен.

Тахирди издеп калышты. Ашканада да жок, коноктор олтурган да залда жок, эс алчу боз үйдө да жок. Арстандын кошунасы Жолдошбектикинде жок. Эч жерде жок. Света тынчсызданып бир жерге олтура албай калды.

- Бул жакка кирген жок. Боз үйдөн карагылачы, - деди да, Алмагүл Асылга суроолу карады.

- Тахир?

Эки келин бири-биринин оюн айттырбай түшүнүштү.

- Муниранын жок экенин Светага угуза көрбөгүлө. Алмагүл келиндерге эскертип жатты.

- Ий, бетим, Мунира эмне болуп кетер экен?

- Чүш, унчукпагыла, эл укпасын, уят болобуз.

- Эт астыга келгенде кайда кетти?

- Бетеге жыттаганы кетти да.

- Баягыдай Мунира кармалып калбаса болду!

- Кимге кармалды эле?

- Иниси менен жатса Канат келип кармап алыптыр.

- Агасы, иниси деп ылгабайт бекен, бетим ий.

Келиндер Мунираны талкуулап жатышты. Ак шымынын эки тизеси баткак болгон Тахир огороддун аягынан келип, эшик алдында турган эркектерге кошулду.

- Ой, Таке, эт алдыга келген кезде сен кайда жүрдүң?

- Жолдошбектикинде эс алып жаттым.

- Алмагүл сага огороддун аягына төшөк салып бердиби? Хе-хе-хе!

Эркектер Тахирди ортого алып, каткыра күлүшүп, сүйлөшүп калышты.

Тургандардын арасында Темир да бар эле. Тахир экөөнүн көздөрү кадала калып, кайра башка жакты карап кетип жатышты.

Темир жүрөгү бир нерсени сезип турса да, күчүн тамекиден чыгарды кайра-кайра соруп, унчуга алган жок

Темир Мунира менен сүйлөшкөн эмес, ала качып келген. Кубанчына жетине албаган энеси нике кыйылган күндүн эртеси Муниранын төркүндөрүнө жеңесин жибергени жатса баласы:

- Апа, сүйүнчүнү мен эле берип коёюнчу жеңеме, барбай эле койсун,- десе болобу :

- Кой, антчү эмес, салтка тууралаш керек, - деген Темирдин энеси, ак көңүл, анча-мынчаны элес албаган, баа-шаасы жок адам эле. Ошол бойдон Муниранын жүрүм-туруму жөнүндө сөз болгон жок. Жооштугунанбы, же келинчегинин бул дүйнөдө бар экенине каниет кылабы, же ажырап калам деп коркобу, айтор, Темир бүт турпаты менен баш ийди аялына. Мунира каалагандай жашады.

Классташтар эт жеп бүткөн кезде ашканага Мунира баш бакты:

- Алмаш! Алмаш! Хе-хе-хе. Мени издеген жоксуңарбы? Оозунан ачкыл жыт буркурайт. Жоолугу ийинине түшкөн.

- Шүмшүк экенсиң! Кайда жүрөсүң? Сени баарыбыз издедик. Бери кирчи? Алмагүл келинди ичкери тартты.

Кара жибек юбкасы топурак, бырышкан, этектерине шыбак жабышкан Муниранын уйпаланган кебетесине Алмагүлдүн ачуусу келди

- Жүрү биздикине кеттик! Сени эл көрбөсүн, - деп келинди жетелеп кетти теңтушу.

Таң заарда Арстанбек огороддун аягынан кызынын кызыл күрмөсүн сүйрөп келди:

- Ий, кокуй, жаңы күрмөнү эмне жерге сүйрөдүң, ит болбодубу? - деди колуктусу Асыл, алдынан чыгып.

- Энеңди урайын, жанагы шерменде Мунираң босогомду экинчи аттабасын. Ак ниетим менен чакырсам минтип баланын кийимин талаага сүйрөйт, энеңди, жанагы Тахир келсинчи...

- Мунира?

- Катындар билмексен болбогулачы, - Арстан күрмөнү чөптүн үстүнө ыргытты, - Таза жуумайынча үйгө киргизбе. Кармагандан киши жийиркенет.

- Апа, Мунира эже кечинде: "Уйпаланган бетеге", - деп ырдап алып, каналды көздөй кетпеди беле? - деди сөз тыңдап турган тестиер баласы Асылга.

- Тейт, сага эмне кереги бар! Бас ары!

Баласын тыйган Арстан кечки шамалга жоолугун ыргалткан Муниранын көздөрүн жалжылдатып Тахирди карап "Уйпаланган бетеге" деп ырдап турганын элестетти да: "Энеңди, бу Темирдин аялынын аты Бетеге болмок болду", - деп сүйлөндү.

Айыл кечтери

Айылдагы Умсунай кемпир катуу ооруп калды. Сүйлөгөн сөзү жок, жалдырап жатат, ичкен-жегенин билбейт. Абышкасы Алкандын айласы кетти. Маңдайында багып, караган кызы жок. Жалгыз уулу Элчибекти келинчеги менен жазында кууп жиберишкен. Колунда көтөргөн жаш баласы менен алар Сонундун энесиникинде баш калкалап калышкан. Кемпирин жууп-тазалап багууга Алкандын кудурети жетпейт. Тууган-туушкандары чогулуп, Элчибекти чакырууну чечишти. Кайын энесинин акывалын уккан Сонун тура алган жок. Шашылыш түрдө жетип келишти.

Короодогу койдун бирин базарга сатып, доктурдун жазган дары-дармегин алышып, тамак-ашын таптап уул-келини Умсунайды бага башташты. Беш-он күндө кемпир оңолуп, сүйлөп, баш көтөрүп калды.

- Алдыңа кетейин, Сокиним, сага эки дүйнөдө ыраазымын, өмүрлүү бол! - деп келинин басса-турса алкайт. Кошуна-колоңдору кирип-чыгып кемпирге учурашып: "Мынакей, ырысың бар экен. Өз деген ушундай болот, өгөй болсо Элчибегиң кайрылып келет беле? Таарыныч деле убакыт өтсө ушинтип унутулат. Түбү бирге кошулат деген ушул", - дешет.

"Өйдө жактагы "Ленин" совхозуна Назгүл деген табып келин келиптир. Тим эле колунун эми, оозунун дубасы күчтүү дейт, баспаган кишини бастырып, сүйлөбөгөндү сүйлөтүп, укпаганды угузуп, ооруганды айыктырат экен. Баягы лениндик жылкычы аке таягын таштап басып калыптыр дейт, уктуңбу?" - деген имиш сөздөр айылга тарады. Энесинин эртерээк айыгышын тилеген Элчибек Назгүл табыпка барып сүйлөшүп, үйүнө чакырды. Оорулуунун дайынын уккан келин дароо макул болду. Табыптын ээрчиткен эки баласы, бешиктеги жаңы төрөлгөн ымыркайы, жанында күйөөсү бар экен. "Ленинде" оорулууларды көрүп жүргөнүнө бир айдан ашыптыр. Айтмакчы, ошол күйөөсүн, балдарын ээрчитип келип Алкандын үйүнүн бир бөлмөсүнөн орун алды. Ак матаны жайып, кара таштарын, элик сап камчысын коюп, дуба окуп, оорулуунун тамырын кармап, дартын айтып берди. Дары ичип, табыптын дубасын алган Умсунай кемпир эшик-эликке өзү кирип-чыгып калды.

"Кыргызча дарылаганга не жетсин, карачы, өлгөнү турган кемпир чуркап кетти", - деп бири тамшанса, ырымга ишенбеген бирөөсү: "Койсоңчу болбогон кебиңди, дарыдан, догдурдан эле баарыбыз айыгып жүрбөйбүзбү", - деп колун шилтейт. Кыскасы, айыл дагылар Назгүл табып жөнүндө угуп, оорукчандар Алкандын үйүнө бирин-экиндеп келе башташты. Буту ооруп, баса албай жүргөн Акмандын келини, муундарым, башым деген Чүкөбайдын кемпири, түнкүсүн элирип чуркаган Сагыйпанын небереси, Бермет сыяктуу кемпир-кесектер айыгып кетсек экен деп, табыптын көзүн карашат. Колунда бары каймагын, сары майын, пачка чайын, курутун, сүрсүгөн этин, кошкон майын, сүзмөсүн, сүтүн - болгон тамак-ашын көтөрүп келишет. Назгүл баласын Умсунайга терметтирип, жалаяк-шымдарын Сонунга жуудуруп, Алканга самоор кайнаттырып, кызыл чыккан чайды каймак аралаштырып ысык-ысык, ичип, сөөлөттөнүп олтуруп калды.

Дарылангандар менен кечкисин шам жагышат. "Мамыры гүлүн, аркар отун, момуя, бал таап келгиле", - дейт. Ошолордон дары жасайт. Шамга арбактар келет имиш...

- Кана, эңкейип баскан, колунда таягы бар, ак сакалдуу бир абышка жылаңач ыйлап турат, ал кимиңердин атаңар? - деди бир кечте табып.

- Ыракматы болгур, ак сакалдуу болсо менин атам го? - деди Сагыйпа кемпир бүшүркөп.

- Көзү бакыракай беле? - деди келин ойлонуп, Сагыйпанын көзүнө карап.

- Ооба-ооба, , менин көзүм атамкына окшош, - деди кемпир, шаша.

- Анда сиздин атаңыз куран тилеп, эч кимиңер куран окубай, ач арбак болуп калыптыр, кой союп куран окуткула! - деди Назгүл ишенимдүү.

- Макул, макул, атамдан кантип аянайын! Байкуш атам! - деп кемпир кемшеңдеп, көзүнүн кычыгын сүрттү. - Чын эле көптөн бери куран эске келбептир.

- Чачы узун, бойлуу келин, ээрчиткен жаш баласы бар, жанында күйөөсүбү, далылуу жигит - үчөө ыйлап турат. Булар дагы жылаңач экен, булар кимге келишти? - деди табып шамды тиктеп.

- Таң.

- Менин андай жакындарым жок эле.

- Мен энем келеби деп турам.

- Жок.

Олтургандар тиешеси жоктой бири-бирин карашты.

- Бул баягы жылы авариядан каза болгон кароолчунун үй-бүлөсү го, - деп чыйылдады Умсунай кемпир.

- Аа, туура айтасың, бечаранын балдары туш-тушка кетишти, ким куран окумак эле, - деди Сагыйпа кемпир. - Азыркы балдар курусун, куран билишпейт.

- Эмесе булар дагы ач арбактар экен. Эми ач арбактар көп: учуп жүргөн ымыркайлар, жашыраак кыз-келиндер, чалдар, тытык кийинген кемпирлер бар экен. Бу силер, көк-булактыктар, орус болуп кеткенсиңерби? Куран окуп, жыт чыгарганды унуткансыңарбы? Карагылачы, тигилерди, - деп эшик-терезе жакка кол шилтеди табып. - Эртең баарыңар күрүч-май, ун-пунуңарды даярдап келгиле, чогуу-чаран барып мүрзөнүн жанына боорсок жасап, палоо бышырып, жалпы арбактарга куран окуйлу.

- Туура, туура! Баарбыздын барар жерибиз ошол жак, - деди Сагыйпа.

- Айтмакчы, Максаттын камчысы деген бак-мазар бар экен. Ошонун тегерегин дагы тор менен тосуп коёлу, мал кирбесин, - деди Назгүл.

Кийинки күнү табыптын айткандарын көтөрүп барышып, кемпир-кесек, бала-бакыра, келин-кыздар мазарды тор менен курчап, мүрзөнүн жанына аш бышырып, куран окушту.

"Бул табып жакшы иштерди кылып жатат", - дешти көргөндөр. Жай мезгили болчу. Түшкү ысыкта Чайылдак эшигинин алдындагы чоң бактын түбүнө дасторкон жайып, тамак ичкенди жакшы көрчү. Адаттагысындай, бүгүн дагы чайды бак түбүндө ичип олтурган. Аңгыча Умсунайдын үнү кулагына шак дей түштү:

- О, өлүгүңдү көрөйүн! "Мал ээсин тартпаса, арам өлөт", - дейт. Уурунун тоогу дагы ууру болот тура! Ток, жаның чыккыр, ток! Колдоруна шал тийгенсип ашкананы дагы ачык коюшат.

Какылдап Алкандын эшигинин алдынан Кенедей абышканын ак тоогу чуркап чыкты.

- Апе-ей, бул биздин тоок го? - деп Чайылдак кошунасы Умсунайды карай басты.- Э, ботом, эмне деп сүйлөп жатасың?

Ушуну гана күтүп турансып Умсунай кыйкыра сүйлөдү:

- Тоогуңду камап ал, ашканага кирип, сүзмөмдү жеп атыптыр. Уурунун тоогу да ууру болот экен деп атам!

- Ий, өлүгүңдү көрөйүн, сийгек кандек! Мен сенин эмнеңди уурдадым эле? Кана, кайсыл жерден кармап алдың? Айт! Кечээ эле өлгөнү жатпадың беле, тирилгенде ушуну эстедиңби?

- Мен төлгө салдырдым. "Күн чыгыш жактагы кошунаң жоголгон козуларыңды уурдап жүргөн", - дейт. "Арык, капкара аял, эркекке окшош экен", - деди, ошол сен эмей ким?

- Ии, балакетимди алгыр, суволуч! Эмне деп турасың, ыя? Алып келчи ошол төлгөчүңдү. Экөөңдү кошуп туруп элдин алдында абийириңерди аштай гана төгөйүн. Козуңду убагында издебей, эми эсиңе келдиңби? Көңкөңдүн артына жашынып олтуруп эле өзүңдүң балаң Элчибек уурдап сатып жибербедиби.

- Эмне?

- Азыр ээрчитип келчи, бетине коюп берейин. Койчу эми кошуна туруп ыркырашпайлычы деп унчукпай жүрсө, мени ууру тутуп жүргөн тура бул кандек! - деп Чайылдак колун калчылдата чөнтөгүнөн ширеңкесин алып тамеки күйгүздү.

- Болду! Мен кандек болсом, сен күйгөн чычала, алкашсың!

- Сага окшоп оонап, төшөккө сийип жатканча, арак ичип басып жүргөн жакшы. Сен дагы кишисиңби? Сен бир тиштем боорсокко теңсиңби? Сен ачкадан ооруганыңды билесиңби?

- Мен ачка болгонумда табагыма аш салып бердиңби? Кудайга шүгүр, сага караганда биз жумасына шорпо ичебиз.

- Мен бул боюнча тим калбайм, - деди да, Чайылдак үйүнө кирип кетти. Тамекисин түтөтүп, карганып-шиленип, сүйлөнүп кайра чыгып, акыры Сагыйпаныкына кирди.

Э, ботом, Умсунай экөөңөр эмне кыйкырыштыңар? Уруштуңарбы?

- Ошол кара жерге кирсин! Элчибек уурдаган козуларын менден көрүп жүргөн тура! Төлгө салдырган имиш, анан арык, кара кемпир, өзүңөрдүн эле кошунаңар дептир төлгөчүсү. Өлүгүңдү кана көрөйүн...

- Кой эми, биртке нервиңди сакта. Мээңе кан куюлуп кетет. Кел чай ичели.

- Жаңы эле чай ичип олтургам. Канча чыны чай ичкенимди же тойгон тойбогонумду да билбей калдым. Чайылдакка Сагыйпа чай куйду.

- Жанагы табып келин төлгө да салат тура.

- Кечээ-бүгүн жоголсо мейли, салдырсын. Тээ күздөгүсүн балээни табабы. Ал козуларын көңкөнүн артына жашынып эле Элчибеги алып кеткен. Мойнуна коюп берем. Ошол табып сөрөйүнбү, эки мүнөттө жоготомун. Эки айдан бери жакшы эле тайраңдады. Элди кырылыштырбай жөн дарыласын! - деп чынысын дасторконго коюп, Чайылдак өпкө кабынынын ички чөнтөгүнөн арак алып чыкты.

- Мунуң тазабы же спиртпи? - деди Сагыйпа бөтөлкөгө карап.

- Тазаны ким бермек эле. Аны алсаң деле баары бир жасалма, кытайдын спиртинен куюп эле чалап кылып, брапке жаап коёт экен. Андан көрө акчасы азыраак ушуну ичели. Бөлөкбай көрүнбөйт го?

- Абышка бокчо жакта жүрөт.

- Чакыр, Сокур байкуш деле жыргап алсын, ха-ха-ха. Экөө күлүп калышты. - Кишиге зыяны жок бечаранын.

- Ооба, байкушум самоор кайнатып, эшиктен суу ташыгандан башканы билбейт.

- Алкандай эле кантип болсун, куучуңдап Умсунай айыкты, көрөсүң го, эми Элчибек менен Сонунду кууп чыгат. Куттуу үйдө кеп кыла турган эмес. Өз башы менен кетсин! - деди Сагыйпа.

Дасторконго Бөлөкбай кошулду. Үчөө божурашып ортодогу аракты ичип олтурушту.

- Эй, байбичелер, эки стаканды алдым, эмкисин албай эле коёюнчу. Бул жарыктык азыр жыргатканы менен түнүчүндө көзүмдү оорутат экен, - деди Бөлөкбай ал-алга келгенде.

- Алып жибер! Көзүм көрбөйт деп өлүккө барып топурак салбайсың, элге аралашпайсың. Анан сууну эшегиң экөөңөр кыйын ташыйсыңар. Эки чаканы бодопрободдон ушуга чейин мүдүрүлбөй-жыгылбай кантип алып келесиң? Ай, ушу сенин көзүм көрбөйт дегениң калп! Ка-алп! Жанагы кызыл-тазыл көйнөк кийген келиндер өтүп калса, узап кеткенче мойнуң үзүлгөнчө карайсың, ээ, капыр!

Эки кемпир каткырып калышты.

- Силерди эмнеге карайын, келиндерди көргөндө көзүм ачылып эле кетет! Хи-хи-хи...

Үчөөнүн жарпы жазылып көпкө сүйлөшүштү, кеп кайра келип Умсунай менен табыпка такалды.

- Кана, алып жиберели. Аманчылык, тынччылык болсун э, кыздар, - деди Бөлөкбай.

Кемпирлер күлүп калышты.

- Куураган чал, акырын, уул-келиниң укса, атам алжыган экен дебейби.

- Келин укса тим олтурабы, баягылар мас болуп деп эмеле жайып чыгат да, - деп Чайылдак тамекисин тамгызды, - Кой, кокуй, түтүнүм менен эшикке чыгайын, Багдаш кууп чыга электе. Теңселе басып үчөө эшикке чыгып, маңдайдакы Алкандыкын карап туруп калышты.

- Мен жанагы табып сөрөйдүн атасын, жерин таанытам, - деп Чайылдак шуулдаган бойдон Алкандын короосуна барып Умсунайды чакырды.

- Эй, койтош, чык бери! Табып сөрөйүңдү да алып чык.

- Эмне дейт, өлүгүңдү көрөйүн? Чайылдактын үнүн угуп, Умсунай чыкты. Анын артынан Назгүл күйөөсү менен келип босогодон баш бага туруп калышты.

- Кана, төлгөчүң кыйын болсо, төлгөсүн менин көзүмчө салып, баланча күнү уурдаган деп мойнума коюп берсин. Жок, анте албайбы, айлыбызды эки-экиден кармаштырбай кетсин! Көк-Булактын каймак-майына эки айдан бери тойгондур! Кана, дагы төлгөчүңдүн эмне билгени бар экен?

- Билет эле, мына, сен бирөөгө мени оорусун деп дуба окутуп келип, эшигимдин алдына чачып кетиптирсиң. Ошондон бери мен ооруп жатам.

- Ий, сандырактаган каракчы! Сени оорутуп алып, мен тээтиги биттеген текеңе тиет бекемин. Анын эмнеси кызык. Андай биттеген теке менде деле бар. Тигине! Өлөсөлү болуп ооруп жатса дагы күчүндө. Эй, табып сөрөй, жетишет! - Чайылдак сөөмөйүн кезей сүйлөдү. - Бул жерден ушунчаңды кетип кал. Айтканыма көнбөй-сүңбү, мен сени милийсага берем. Моминтип айылга бүлүк салып жатат, элди алдап жатат деп арызданам. Эзели сен-мен дешпегенкишилердин оозун ачтырдың, кеткиниң! Артыңдан түшпөсөм Чайылдак атым өчсүн!

А сен болсо, кандек, жоголгон козуларыңды тээтиги Сонун менен Элчибектен сурасаң, табыптан көрө ошолор айтып берет, - деди да, үйүнө кирип кетти.

Эртеси Назгүл күйөөсүн, балдарын ээрчитип, бир топ көтөрүнчөк менен Көк-Булактан шаарга барчу автобуска түшүп кетти.

Делбеленип ооруган бир кызга дем салып, оорусун жаңы килемге көчүрүп - килемди, дагы бирөөнүн баласынын оорусун уйга көчүрүп - уйду, келиндерди көрүп жолдугуна идиш-аяк, айтор, көп оокат чогултуп кетти табып келин. Ал кеткенден кийин айылда бир топ сөз болду. Оорусун уйга көчүрткөн бала оор абалда барып догдурга жатты, табып кеткенден кийин, "Шырдагым жоголду", - деп бир кемпир тызылдап жүрдү, "Мага үч жүз сом карыз эле", - деп Сагыйпа кемпир, "Бир кой бермек", - деп Алкан калышты. "Ленинде жүргөндө бирөөнүн күйөөсүнүн башын имерип алыптыр", - деген да имиш чыкты.

Умсунай менен Чайылдак табып төлгө тарткандан бери киришип-чыгышпай калышты.

Бир күнү Бөлөкбайдын уулу Максат, Алкандын уулу Элчибек, Сартбайдын уулу Жанботолор келинчектери менен Багдаштын туулган күнүн белгилеп, бир дасторкондо олтурушкан. Багдаш Максаттын келинчеги, быйыл жыйырма бешке толуп олтурат, үч баланын энеси болду. Ал ушул көк-булактык, ата-энеси ылдыйкы көчөдө жашашат. Багдаш өңдүү-түстүү эрке келин, кайын эне, кайын атасы көзүн карап турушат, таарынса төркүнүнө кетип калмайы бар. Балдарды чырлаштырбайлы деп карыган кезде суу ташып, от жагып Бөлөкбай менен Сагыйпанын жүргөндөрү да ошондон. Кыштан бери байлап баккан кочкорду саттырып, жаңы көйнөк алдырып, туулган күнүн белгилеп жатат. Жаштар дуулдап калышты. Бири-биринин сөзүн угушпай, кыйкырып сүйлөшө башташты.

- Э-эй, ошондо Назгүл: "Узун бойлуу кошуна баладан сак бол ", - деген. Мына, айткандай беш үндүгүм жоголду, мен сенден эле көрүп жүрөм, - деди чекесин тырыштырып, тилин булдуруктаткан Жанбото Максатка карап.

- Ой, энеңди урайын, Назгүлүң экөөңдү жерге житкире чабайынбы? Сеникинен башка үндүк жок бекен. Ошондо эмне мени жетелеп барбайсың Назгүлүңө.

- Бул көчөдө сен эле тартаксың да. Башкабыз бүт эле кичирээкпиз.

- Сага үндүк эле керекпи? Жүр, мен сени тоокканага камап коёюн азыр. Максат Жанботону эшикке сүйрөп жөнөдү.

- Ай, койгула! - деп келиндер туш-туштан чарылдашты.

- Максат, келесоо болбо! - Багдаш сүйрөшкөн эркектерге жармашты. Эркектер жулкулдашып эшикке чыгышып, тоокканага жакын барышты. Арасында үрпөңдөп Багдаш, Сонундар жүрүшөт.

Түнкү саат он эки-бирлер чамасы. Айыл ичиндеги көп үйлөрдүн жарыгы өчкөн. Ар кай туштан иттердин үргөнү гана угулат.

- Бул оюна келгенди коё бербейт, - деген Жанботонун келинчеги Сабира четте тура берди. Эркектер бою кичине Элчибекти буйдамга келтирбей түртүп коюшту.

- Сен узун болсом эле кыйынмын деп ойлойсуңбу, азыр мобу айры менен сени шишкебек кылып коёмун, - деди Жанбото колуна айрыны кармап.

- Жанбото! - Айрыны көргөн Багдаш ага чуркады.

- Сен айры менен чапсаң, мен сени мобу менен сайып өлтүрөм, - деп Максат тооккананын жанынан колуна тийген ломду күүлөп Жанботону көздөй урду.

- А-а! - деген аялдын ачуу кыйкырыгынан соң, "күп" деп жерге жыгылган оор дабыш угулду.

- Өлтүрдү!

- Кокуй! Сойдуңар! Сойдуңар! - деген Сабира менен Сонун чуркап жетишти да, жерде жатканды тегеректеп калышты. Жыгылган Багдаш эле. Элчибек, Сонун, Сабира - үчөө Багдашты үйүнө көтөрүп киришти. Келинчегинин кан аккан башын көрүп, Максаттын көзү ачыла түштү. Лом тийген жерин тиктирип, дарылатып Багдаш ооруканада жыйырма күнчө жатты.

- Карачы, арактын артынан эмне болуп кетер экенсиңер. Катының экөөң жарышып ичесиңер, аз жерден аны өлтүрүп ала жаздадың? Кудагый Багдашты жибербейм деп жатат. Өзүнүн үйүнө чыгарат экен. Катыныңды тааныбай калганча ичесиң, ушундан көрө балакет ичсеңчи.

- Ой, апа, силерден үйрөндүк ичкенди. Атам, Чайылдак - үчөөң ичип алып тынч олтурасыңарбы? Төлгөчүнү жоолап, куубадыңарбы? Карыган башыңар менен ичип, сакалыңарга жаба кусуп, этегиңерге чалынып олтурасыңар. Кенедей абышка ооруп калып эле ичпей калды го. Экиден болуп бийлечү эмес белеңер?

- Болду, эне-атаңарга атаандашасыңарбы? Энесине акаарат келтирген, айбан! Үү-үү! Өз балаң өзүңө жоо болот деген ушулбу? - Сагыйпа үңүлдөп ыйлап кирди.

- Ой, апа, койчу эми, ыйлабачы? - уулу энесин кучактайын деди эле, энеси колун силкип жиберди.

- Сүйлөбө! Мени апа дебе! Мен сага сүйлөбөйм. Бар, кайын энең сени тарбиялайт. Балам экен деп кеп айтсам... мунун айтканын көр! - Сагыйпа тетири карап жатып алды.

Максат кайын энесинин алдына түшүп, убадасын берип жатып Багдашты үйүнө алып келди. Ошондон тартып убадасы боюнча ал намазга жыгылып, ичкилик ичпей, тамеки тартпай калды.

Жанбото болсо арагын таштаган жок. Жайдын бир күндөрүндө Иван менен суу талашып урушуп, аны күрөк менен башка чааптыр. Иван чөнтөгүнөн макисин алып чыгып, Жанботону көздөй шилтегенде, билегинен алаканына чейин кесип кетиптир. Бул окуяга тегеректе турган бала-бакыра, кемпир-кесектер күбө болушуптур.

Эстерине келер замат экөө тең бири-бирине кекенип, доктурга кетишкен. Айылдын ооруканасынан экөөнө бир палатадан, жанаша керебеттен орун берилди. Жанботонун атасы Сартбай арага түшүп жүрдү. Экөөнүн керебетинин ортосуна олтуруп алып, акыл-насаатын айтат.

- Балам, Жанбото! Жаш дейин десем, отуздан аштың. Бала-чакалуу болдуң. Менин көзүм өтүп кетсе, өзүңчө эле оокат кыласың. Сендей балдар кандай оокат кылып жатышат? Ушул Иван менден бир аз эле кичүү, өзүңдөн улуу адамга мас болуп алып кол көтөргөнүң туура эмес. Кечирим сура, балам. Эзелтеден бери эшиктеш жашап, сен-мен дешкен эмес элек. Иван, ушул айбанга теңелбей деле сабыр кылсаң болмок экен. Мен мунун мас болуп келатканын көрбөй калыптырмын. Капуста эмне ал бир чөп экен, кудай буюрган күнү сугарылат эле. Карачы, көңүл сууган жаман тура. Анан калса, экөөңдү догдур бир бөлмөгө жаткырганын көр. Катуу кетпей, милийсадан кагаздарыңарды алгыла. Арак деген шайтан болбодубу. Илгерки арак буттан алат дечү эле, азыркынын арагы мээден алат турбайбы. Келгиле эми, кечиришкиле дагы, тамак ичкиле. Экөөңөргө тамак алып келдик. Сабира балам, тамагыңды куй, - деп Сартбай абышка экөөнү дасторконго чакырды.

Ошону менен арыздашкан Иван менен Жанбото ооруканадан элдешип, сүйлөшүп чыгышты.

Иван жайы-кышы тынбай эмгектенип, чарбасында кой, уй, коён, тоокторду кармачу. Бакчасына мөмөдөн: алма, өрүк тигип; жер-жемиштен: помидор, капуста, чеснок, калемпир, сабиз айдап, укроп сыяктуу чөп-чарларды өстүрүп, күз келгенде шаардагы базарга алпарып дунгандарга сатып, жакшы акча алчу. "Жер семирткичтин ордуна адамдын кыгын пайдаланат экен", - дешчү көргөндөр. Жанботонун: "Бокчу", - деп сөккөнү да ошондон эле.

Аты орусча болгону менен, Иван таптаза кыргыз. Илгери атасы Сибирге айдалганда артынан издеп барыптыр. Ошондо докуметти жазган орустардын кыргызчага тили келбей койгон аты экен.

Күз айларынын күндөрүнүн биринде Сартбай абышка көчөлөш кошуналарын мейманга чакырды. Дасторкондо дүйүм тамак жайнайт: нандын түрлөрү, ак саргыл боорсок, санза, вареньелер, момпосуй, печенье, түрлүү салаттар коюлган. Кызарган алмалар дасторкондун көркүн ачып турат.

Чай үстүндө ойго батып, кожоюн билгендерин сүйлөп олтурду:

- Ошол согуш апаатындагы биздин көргөн күндөрүбүздү кудай пендем десе, башка салбасын. Тылда тартыштык, нан эмес буудай жетишсиз. 1942-жылдын январь айында аскерге чакырышты. Сталинграддын тегерегинде согушка катышып, колумдан жарадар болдум. Госпиталдан чыкканда кайра согушка барайын деп сурансам жибербей коюшту. Келин-кесек, кемпирлерди иштеткенден көрө, согушта жүргөн жакшы болот экен. Шумдуктун баарын көрбөдүкпү.

Сартбай - көчөдөгү аксакалдардын улуусу, билимдүүсү. Жаш кезинен окууга тартылып, Фрунзедеги жогорку окуу жайынан билим алып, иштеген. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, алдыңкы фронтто жүргөн. Сталинграддын алдындагы бир жолку катуу салгылашта колунан жарадар болуп, госпиталда дарыланган соң тылга кайткан.

- Ээ, ушу сенин согушканыңды кудай билет. Окопко башыңды катып жатып, эртерээк үйгө жиберсин деп немиске колуңду тосуп бердиң да. Анан немис сунган колуңду үзө атпай жаны жокпу, - деп тамашалайт Бөлөкбай.

- Аа, байкуш, сен койдон башка нени көрдүң? Тоо, таш, кой андан башка түшүнүгүң жок. Пенсияга чыгарса да, тыңыраак эс алганды билбей, кара очкини тагынып, көзүм көрбөйт деп анткорлонуп жашынып олтурасың. Колум жок болсо да, мен Берлинге чейин жөө баргам! Немисти койдой кыргам. Мобу медалдарды өкмөт жөн эле тагып койду дейсиңби? - дечү Сартбай сыймыктанып.

Мына азыр кошуналарды ынтмакка чакырып олтурат.

- Кошуналар! Азыр заманабыз жакшы, кудай кут кылсын. Баарыбыз бир көчөдө турабыз. Жакшылыгыбыз көп болсун, жамандыкты кудай кечинен берсин. Артыбызда урпактар өсүп келе жатышат. Карыларыбыз нарктуу, ыймандуу бололу, жаштарыбыз элпек, сыйчыл болушсун. Мына, мен силерди ынтымакка чакырып жатам. Жакшылыкта, жамандыкта бирге бололу. Ынтымакта жашап, элге үлгү бололу, Оомийин. Жакшлыктар көп болсун! - деген Сартбай абышканын батасын көпчүлүк колдоп кетти. "кол тамга>08. 05. 2001-ж.

Гладиолус

1. Алгачкы сезим

(аңгеме)

Август айынын күндөрү эле. Күн ысык. Биздин группадан алты кызды деканат тарабынан №2 жатакананын ремонтуна алып калышкан. Эртең мененки саат сегизде келип, кечки бештерде жатаканага кетмей. Биз №1 жатаканада жашачубуз. Кечинде барып тамактанып, тоголонмой. Жатакана ээн. Биздин эси-дартыбыз, сүйлөшкөн сөзүбүз - алыстагы ата-эне, бир туугандар. Эртерээк туулган жерге жетип, окуу башталганча эс алып, ага-тууган менен көрүшүп, сагынычты таркатсак деген тилек. Жай күндөрүндө айыл жери кандай сонун! Чокусу көк мелжип, ак кар, көк муз кетпеген тоолор, анын боорунда тизип койгондой арча-карагайы, үн кубултуп сайраган куштары, шылдыраган муздак, көк кашка булактары, көздүн жоосун алган назик жытту гүлдөрү, салкын абасы не деген керемет! Орустар айткандай: "Где мы-там хорошо, где нас нет-там лучше". Эне-атабыз жашаган жерде ар бир күн бизге кызык, табышмактай сезилет.

Троллейбус аялдамасынын жанында ак жүздү, толук келген, кара каш, кара көз кырк жаштардагы аял этегине ак материал жаап алып отурар эле. Биз жанынан өткөн сайын: "Айда девушки, погадаю", - деп чакырчу. Кандайдыр бир сыйкырдуу дүйнөгө тартып жаткандай көрчүмүн. Жанына чуркап баргым келчү. "Кереги жок, барба! Алдайт, эмне кыласың?!" - деп, кыздар жиберчү эмес мени. Ан сайын мен ал аялга кызыкчумун. Эркимди башкара албай,бир күнү жанына чуркап бардым. "Эмне жөнүндө айтайын? Келечегиң жөнүндөбү же жигитиңдиби?" - деди төлгөчү.

- Экөөнү тең, - деп жооп бердим мен.

- Сен жигитиңдин үйлөнүү жөнүндөгү тилегин четке кагыпсың,ошондуктан ал сага таарынып жүрүптүр. Эми ал сага кайрылбайт. Келечегиңде сага бир токтоо, мүнөзү жакшы, орунду иш кылган бир жигит түшүп жатат. Сен жакында турмушка чыгат экенсиң. Алдыңда бир грамота турат, сен ошону аласың,- деди.

Төлгөчүн ар бир сөзүн кунт коюп уктум, анын жагымдуу жүзү менин купулума толуп турду. Бейтааныш аялдын күтүлбөгөн жаңылыктары мени толкундантты. Кыязы, мен дагы аны кайдыгер калтырбасам керек, ал мага өзүнүн дарегин айтып, үйүнө мейманга чакырды. Аялдын төлгөсү мени арбап да, капалантып да койду.

- Басчы, эсиң ооп калды го, кетебиз, - деп кыздар колумдан жетелешти. Биз жатаканага кетип калдык. Мариянын сөздөрү эки-үч күнү кулагымда жаңырып жүрдү. Ишенбей, каткырып жүрдүм. Кантип жана кимге чыгам? Капаланган себебим... алгачкы махабатымдын жарасын эстетип койбодубу.

Фрунзенин темир жол вокзалынан №17 Фрунзе-Москва поездине группабыз менен олтурдук. Жайкы каникул аяктап, Оренбург шаарына окууга кетип бара жатканбыз. Баарыбыз чогуу көңүлдүү баралы деп, плацкарт вагонуна билет алганбыз. Билет боюнча орун ала келгенде, Сулуу экөөбүздүн орундугубуз эки бейтаныш жигит менен бир болуп калды. "Ушул балдар менен кантип бир жерге жатабыз", - деп, адегенде чычалап жатып, анан бир топто барып көндүм. Тааныша келсек алар Самарада политехникалык институтта окушат экен. Бою кичирээк, сары жигиттин аты Бектур экен, орто бойлуу, чачы желкесинен ашкан, кара торусун Камиль деп тааныдык. Жолду ката көпчүлүк учурда Сулуу экөөбүз группалаштарыбыздын жанында жүрүп, жигиттер менен олтурган деле жокпуз. Тамактанган кезде чогуу болдук, алар өздөрүнүн даамы менен бизди сыйлашты. Экинчи күндүн кечинде тамактанчу столдун үстүндө ширекеңке туруптур, колума алып карасам А+Б деп кимдир бирөө жазып коюптур, ошондой эле жазууну вагондун терезесинен дагы окудум. Көрсө аны Камиль жазыптыр, мага Сулуу айтты. Акыркы күнү Бектурлар менен карта ойнодук. Мелдешке түшүп Бектур экөөбүз утуп алдык. "Кыздар менен олтуруп келгилечи", - деп Камиль бизди кетирип жиберди. Картадан утулганга ушунчалык капаланганга адамды биринчи көрүшүм.

Поезд Оренбургга таңда жетип, жигиттер менен коштошуп, адрес алышып, түшүп кеттик.

Жатаканага келип, бөлмө алып, шыпырып-тазалап, жайланышуунун камында болуп жаттык. Төшөнчүлөрүмдү иреттеп бүтүп, кийим кечекти баштайын деп чемоданымды ачтым да:

- Сулуу! - деп кыйкырып жибердим.

- Эмне болуп кетти?

- Мобул кийимдерди карачы?

- Кийимиң эмне болуптур?

- Эркектин кийимдери экен. Бул менин чемоданым эмес.

Жаныбыздагы бөлмөдөгү кыздар дагы чуркап келишти.

- Документтери бар бекен, карачы? - деди Гуля.

- Ээ, кокуй, кайсыл орустун чемоданын көтөрүп баса бергенсиң? - деп Эльмира кыздарды күлдүрдү.

Чемодандын чөнтөгүнөн: паспорт, зачетка, блокнот чыкты.

- Эралиев Бектур Алиевич. Ха-хах-ха!

Паспортту таштап жиберип, Сулуу экөөбүз каткырып жерге жыгылдык. Сүйлөөгө дарманы келбей, Сулуу мени сөөмөйү менен көрсөтөт.

- Эми эмне кыласың? - деди бир маалда. Ачылган чемоданды карап, шалдырап олтуруп калдым.

- Чемоданды шылоотолоп барып Бектурду көрүп кел, - деди Гуля.

- Кантип барам? - кеңеш күтө Сулууну карадым.

- Алактабай, жакшыраак карабайсыңбы, Бектурдан башка көзүңө эч нерсе көрүнбөсө керек? - деп Эльмира тийише сүйлөдү.

- Бектурга эмнеге алактайм, экөөбүздүн эч нерсебиз жок, кодойтуп аны эмне кылайын. Сулуу, балким, Камиль атайын жасагандыр, билесиңби, экөөбүздү кыздарга барып келгиле деп куубады беле? - дедим.

- Таптың, таптың, муну Камиль жасады болуш керек!

- Экөө шыбырашып жатпады беле? Бул менин эле чемоданым. Кантип тааныбай калайын.

- Мүмкүн окшоштур, - деди Гуля күмөн боло.

- Сен байкаган чыгарсың. Камилдер бизден мурда киришти беле вагонго? - деп Сулуудан сурадым.

- Ооба, биз киргенде алар олтурушпады беле.

- Менин оюмча, Камиль кийимдерин салып "спорт" деген чоң көгүш сумка көтөрүп келген. Бектурдуку кандай экенин көрбөпмүн.

- Бектурдуку чаар чемодан болчу, - деди Сулуу.

- Анда кийимдерди алмаштырып койду, - деди Эльмира.

- Атайын жасаган экен, - деп жыйынтыктады Сулуу. - Бектурга барышың керек, сабакка эмне кийесиң.

- Мен Инаят менен кеңешейин, - деп курбумдун бөлмөсүнө бастым.

Өзүмдөн бир класс жогору окуган Инаят аттуу кыз менен достук байланышым бар эле. Инаят экөөбүз кайда барсак дагы ээрчишип жүрчүбүз. Биздин төшөгүбүз башка болчу жана сабак учурунда гана айрылышчубуз. Бул кыз мага жөнөйкөйлүгү, адамгерчилиги, шайырлыгы, кичи пейилдиги менен жакчу. Кыргыздын салтын жакшы билген, улууну урматтаган, кичүүгө сый көрсөткөн, тарбиялуу курбум орус мектепти окуп бүтсө дагы, керек учурда орусча сүйлөп, кээде кыргызча куран окуп, ал тургай өзбектер менен "гаплашып" койчу. Курбум Ош шаарынын өзүндө туулуп-өсүптүр. Бир үйдүн жалгыз кызы.

Инаят экөөбүз Самарага барып, политехникалык институттун жатаканасын дареги боюнча сураштырып жүрүп таптык.

- Оо, кыздар келген турбайбы! Кандайсыңар! Кайдан адашып? - деди Камиль бизди көрүп.

- Бизди адаштырган силер го, куугунчу болуп келатабыз, - дедим.

- Ушул паспорттун ээсин издеп жүрөбүз, - деди Инаят колундагы паспортту көрсөтүп.

- Паспорттун ээси деле ушул жакта. Келгиле, кыздар, бир аз тамаша кылып койдук. Кечирип койгула, - деп Камиль бизди бөлмөсүнө ээрчитип кирди. Бектур бөлмөсүндө экен. Учураштык.

- Айке чемоданын ачса эле эркектин кийими. Аябай күлдүк. "Картадан утулганга атайын эле жасап койгон го", - деп Сулуу бождомолдоду, - деди Инаят күлүп олтуруп.

- Кечирип койгула, жасарын жасап коюп биз деле коркуп жаттык. "Кураторун жиберсе эмне кылабыз", - деп ойлодук. Кыздарга кошулуп Бектур экөөбүз карта ойноп, мен утулуп калгам. Мелдеше кеткенбиз. Силерди кыздарга жиберип ийип, анан чемоданыңардагы кийимдериңерди алмаштырып койгом. Кыздар качан келет болду экен деп күтүп жүргөнбүз, - деди Камиль.

- Ырас келипсиңер, кыздар. Жай олтуруп бизге мейман болуп кеткиле. Атайын чакырсак келет белеңер, келбейт белеңер, ким билет, - деди Бектур. Камиль эки бала менен жашайт экен. Эркек болсо да алардын бөлмөсү таза, иреттүү, жасалгалуу көрүндү. Мурда жигиттер менен мамиле жасап көрбөгөн элем, алардын меймандостугу мага кызык, толкунданткандай таасир калтырып, ыраазы болдум. Жигиттер бизди киного киргизип, андан соң паркка алып барышты.

Сентябрь айынын аяк чени болучу. Бирин-серин жалбырактар жерге түшүп, дарактар сары-кызыл көйнөктөрдү кийе башташкан. Күз күндөрүнүн өзүнчө кооздугу бар эле. Кечинде бөлмөдө бийге түшүп, карта ойноп олтурдук. Ошол кезде мени Сайпидин жандап жүрдү. Узун бойлуу, кара каштуу, көзү бакыракай, узун кирпиктери ийилген, капкара чачтары артка таралган, куба жүздүү, көп сүйлөбөгөн жигит мага сырдуу болуп, өзүнө тартып турду. Жайнаган көздөрү мага тигилип, унчукпай, кунт коюп, канча убакыт болсо да мени тиктөөдөн тажабай, суктануу менен бүткөн боюмду изилдеп жатты. Тартынып, ашык сөз сүйлөбөй, тилим буулуп, бийге чакырса бийлеп, олтурса олтуруп, сөз сураса жооп берип жаттым. Бөлмөдөн эстелик үчүн сүрөткө түштүк. Эртеси алар бизди темир жол вокзалынан поездге салып жиберишти.

- Эй, ортак, Сайпидин сени жутуп ийе жаздады го,- деди Инаят күлүп, мени сынагандай көз менен карап. - Сени сүйүп калды окшойт.

- Кантип билдиң аны?

- Көз караштан байкалат да. Ал сага жактыбы?

- Жакты, - дедим сырымды ката албай, терезеден кайың токоюн карап, Сайпидиндин элесин көз алдыма келтирүүгө аракеттенип.

- Чындыгы, ал жигиттин сулуусу, колуңдан келсе бекем карма, ал эми сеники, - деди досум.

- Сенчи, Камиль менен мамиле түздүңбү? - Ага кызыгып суроо бердим.

- Жок экөөбүз классташ катары гана байланышабыз. Анын Замира деген кызы бар болучу. Ал эми мен ойлогон жигитти азыр жолуктура элекмин, - деди терезеге кусалуу көз чаптырган курбум.

Мен болсо татту ойго чөмүлүп, жана гана жетелешип жүргөн табышмактуу Сайпидинди элестетип, поезддин жүрүшүнүн ыргагына термелип, көңүлдүн тереңинде көкөлөп учкан жакшы кыялдар менен бара жатып уйкуга кеттим.

Кар эрте түштү. Алдыда 7-ноябрь майрамы келе жатты. Кыздар календарды карап күн санап, акча чогултуп майрамга белек камдоо менен алек. Айрымдары үйүнө, эне-атасына барууну пландашат. Поликлиникага барып донор болуп кан тапшырсаң, үч күнгө справка жазып берет. Майрам күнүнө бул справканы кошсоң 5-6 күн бош болосуң, ошондон пайдаланып үйдү көздөй жөнөшөт. Кимдир бирөөлөр туулган күнүн белгилешет, же саякатка даярданышат. Айтор майрам күн өзүнчө жаңылык алып келчүдөй. Биз болсо №75-бөлмөдөгү кыздар Камилдерди мейманга чакырууну чечтик. Ал жаңылык жатаканадагы биздин студенттерге угулду.

Мына, биз күткөн күн да келди. Үйдөгүлөр да майрамга карата посылкаларын жөнөтүшүптүр. Дасторконубузду жайнаттык. Саналуу минуталар гана калып, чыдамым кетип, кирип-чыгып: "Келбей калса эмнет болот", - деп көңүлүм бузула баштады. Менин абалымды кыздар да байкап калышты. "Күт, чыдай тур, кечке чейин али көп убакыт бар", - деп сооротушту. Бир маалда күтүп турушкан Инаят баш болуп шарактап, кыз-жигиттер кирип келишти. Табышмактуу жылмайып, айтарга сөз таба албай капкара чачын сенселтип Сайпидин турат. Жүрөгүм кубанычтан жарылып кете жаздады. Тиктешип туруп калыпмын. Эч ким жок болсо мойнуна асылмак окшойм.

- Айке, чайың гана? Күйпөлөктөп күтүп жаттың эле, мейман камын көрүң? - деген Салиянын үнүнөн эсиме келе калдым да, кухняга чуркап кеттим. Ал жакта кыздар турган экен, биринен сала бири сурайт.

- Айке, жигитиң келиптир дейт, көрсөтөсүңбү?

- Оштук экен го кайдан таап алдың?

- Аты ким экен?

- Канчоо келиптир, бизге артабы? - деп шаңкылдашты.

- Бир нерсе сурамыш болуп, жердешибизди көрүп келели, кызганбайсыңбы?

- Көрүндүгүн бергиле, анан каалашыңарча көрөсүңөр. Дискотекага чыгабыз, - дедим да, чайнекти көтөрүп кеттим.

- Бөлмөбүздө төрт кыз, төрт жигит олтурдук. Салия, Инаят, Арзыбектер өздөрүнүн Ошу жөнүндө кеп салып, каткырышып,жандуу аңгемелишип олтурушту. Мен болсо тилимди жутуп койгондой унчукпай олтурдум. Сайпидиндин көздөрү менден өтөт, мен анын карагаттай каректерин тойбой карайм. Бизге коңшу №76-бөлмөдөгү жигиттер кирип калышты. Учурдан пайдаланып, Сайпидин мага көз ымдады эле, экөөбүз холлго чыгып кеттик. Терезенин түбүндө экөөбүз алгачкы ирет сүйүү балын татып, кучакташып турдук. Сайпидин ары-бери өткөндөрдөн наристе махабатыбызды кызганып, шторны жаап койду. Анын сөздөрүнөн, жалооруган көздөрүнөн көптөн берки ашыктыкты, жүрөктүн түпкүрүнөн оргуп чыккан махабатты, сагынычты сезип жаттым. Мен дагы биринчи жолу сезген сүйүүмдү жашыра албай, бүт эркимди жайына койдум. Жүзүм алоолонуп чыкты. Ашыгымдын себинген одеколону, бир аз билинген сигареттин жыты башымды айлантып жатты. Аңгыча бөлмөдөн чыккан Инаяттар бизди дискотекага сүйрөп кетишти. Түнкү саат үчтөргө чейин ырдап-бийлеп жүрө бердик. Инаят экөөбүздүн меймандарга арнап баскан күрүчүбүз ойдогудай болбой калды. Мен буга абдан капа болдум, алдыларына койгондон уялдым. Келген жигиттер аш (плов) даярдагандын чеберлери экенин билебиз да.

- Эч нерсе эмес, Сайпидинге далай жолу аш басасың, - деп көңүл улашты кыздар.

Отурушубуз аяктап, жатар мезгил келди. Кыздар бөлмөнү бошотуп, бири калбай кетип калышыптыр. Балдарды №76-бөлмөгө ээрчитип кетишти.Сайпидин экөөбүз олтурдук. Музыка ойноп жатты. Биз бийге түштүк. Анын алакандары ысып чыгыптыр, денесинде бир аз калтырак бар. Кассета аяктаганда экөөбүз эки кроватта бири-бирибизди аңдыгансып олтуруп калдык. Сайпидин ордунан туруп, Анциферованын "Ты, может быть..." деген ырына койду да, жарыкты өчүрүп жаныма келди. Ушул ыр мага абдан жакчу. Экөөбүз кучакташып, шыбырашып сүйлөшүп көпкө олтурдук. Бири-бирибизге уйкубуз келгенин айттык. Сайпидин сырткы кийимин чечип, төшөккө жатты да, кроваттын четинде олтурган мени өзүнө тартып, үстүңкү кийимимди чечти. Көшөрүп колготкичен жаттым. Ал мени өөп жатып, колу колготкиме жармашты. Мен акырын колун түрттүм.

- Айке, бири-бирибизден мамилебизди жашырган жокпуз, ортобузда сүйүү бар. Эмне үчүн сен өзүңдү эркин албай, менден коркконсуп кийимчен жатасың?

- Мен өмүрүмдө эркектин жанына жатып көргөн эмесмин, Сашка?

- Айке, чечинип жатчы? Мен деле өмүрүмдө аялдын койнуна жатып көргөн эмесмин. Ушул кантип болсун. Жапайысың го? Сөзүнө таарынбасын деп мени өөп койду.

- Сен үйрөтүлгөсүңбү? Экөөбүз күлүп калдык.

- Сашка, туура эмес иштер болуп кетсе, эне-атабыздын бетин кантип карайбыз?

- Эне-атага мен өзүм жооп берем, Айке. Коркпочу. Адык менен Мира деле жашап жүрөт го. Алардын эне-атасы билбейт. Көрдүңбү? Мира жакында төрөйт.

- Силер жакта салтты катуу кармашабы? Бизде деле туура эмес жүрсөң кеп кылышат.

- Салттын мага эмне кереги бар? Мен өзүңдү сүйөм, сенин ак экениңди мен гана билсем болду го, - анын чыдамы кетип, мага ачуулана баштады да, кроваттын үстүнө чөгөлөп олтурду. - Сени ушинтет деп ойлогон эмесмин. Сен мени кыйнабачы, алтыным Айке?

- Жок! Мага ишенип жүргөн эне-атама кандай жооп берем? Окууну бүтө элек болсок, аларга бул жоругубуз жакпайт го. Эки-үч жыл чыдай туралы, макулбу?

- Койсоңчу, Айке. Менин шагымды катуу сындырдың. Сайпидин ордунан туруп тамеки чекти. Чылымын кайра-кайра соруп, кере-кере жутуп, түтүнүн шыпты карай үйлөп, ойлуу олтурду.

- Сашка, бул туура эмес мамиле го, эртең бири-бирибиздин бетибизди кантип карайбыз? - дедим бош кроватка жаткандан кийин.

- Эрк өзүңдө, Айке, бирок сен мени кыйнап койдуң, - деди да, менин маңдайымдагы кроватка барып жатты. - Аялы менен күйөөсү бири-биринин бетин карап, балалуу болуп жөн эле жашап жүрүшпөйбү. Антпесе жашоо болобу. Өзүң билчи...

Ошону менен экөөбүздүн сөзүбүз үзүлдү. Уктап кеттик. Эртең менен туруп чайдын камын көрдүм. Сайпидин менен бир бөлмөдө жалгыз калганыма уялып, жигиттерди карай албай жаттым. Коридордон жуунганы өтүп бара жатканымда, топ балдардын ичинде Арзыбектин сөзү кулагыма "шак" тийди.

- Сашка, Айкени ээледиңби?

- Тигил "жо" деп ишаарат кылдыбы.

- Өл-а, бир үйдө ээн калып, ошого жарабадыңбы? Калган сөзүн тыңшап тура албадым да, алыстап кеттим. Чайга олтурганда дагы Сайпидин маанайы суз, эч нерсеге көңүлү келбей олтурду. Мен аны: "Уйкудан калгандыкы го", - деп ойлодум. Меймандарыбыз кечки поездге түшмөк болушту. Кечинде темир жол вокзалына узатып бардык. Кыйма-чийме жүк көтөрүп өтүп жаткан жүргүнчүлөрдөн алыс, вокзалдын чоң залынын бурчунда, Сайпидин экөөбүз кучакташып турдук. Анын илебинен дагы эле көздөрүм тумандап, махабат башымды айлантып жаткан.

- Сашка, кетпечи, бүгүн дагы жанымда калчы? - дедим жагалданып.

- Эгерде түндөкүдөй кийимчен жатпасаң - калам, - дейт күлүп. - Айтчы, азыр эле каламын. Кааласаң беш күнү жатам жаныңа. Мен ойлогондой болобу?

- Болбойт го, - деп күнөөлүүдөй жер тиктедим.

Кучагына бекем кысып, жүзүмдөн тамтык койбой сүйүп жатканынан анын коштошууга кыялбаганын баамдадым. Бир маалда бетимден катту тиштеп койду. Мен дагы алгачкы сүйүмдүн жанынан чыккым келбей, ичим ачышып турдум.

Жаныбызга Арзыбек басып келди:

- Коштошуп бүттүңөрбү, эки жаш?

- Бүтө албай жатабыз. - Сашка күлүп жооп берип, бара турчу дегеней ишаарат кылды. Ал кетпей туруп алды.

- Өзүңөр кете бергиле. Сашканы калтырып кетиңиз, - дедим тамашалап.

- Сашка эмнеге калат? Суусап келип суу иче албаса, бул байкушту үйгө алып барып сугарайын. Кечээтен бери буга убал болду, - деди Арзыбек досун далыга чаап. Мен Арзыбектин сөзүнүн төркүнүнө түшүнбөй калсам керек:

- Арак ичпейт турбайбы. Бизде деле бар арак. Калтырыңыз, баса алгыс кылып аракка тойгузалы, - деп коем.

- Бизде башкача арак бар ээ, Сашок, - дейт Арзыбек досун карап.

Арзыбектин артынан келген Инаят мени чымчып койду. Аңгыча поезд келди. Коштошуп жатып көзүмдөн жаш чыгып кетти.

- Жакшына болсоң, эмнеге ыйлайсың? - деди Салия мени байкап калып.

- Сашка, Айкени ыйлатпай ала кеткиле? - Инаят күлүп койду. - "Не хочу учиться, а хочу..." деп жатат Митрофандай болуп. Жашымды көргөн Сайпидиндин дагы кабагы бирде түйүлүп, бирде күлүп поездден кол булгалады. Кыздар жолду ката мени эрмектеп келишти.

- Айке, ыйладың да, Сашка сени киндигине байлап алганбы? - деди Салия.

- Экөөң түндө чогуу жаттыңарбы? - деп Инаят кызыгып сурады.

- Жок. Эки башка кроватта жаттык. Эмне үчүн чогуу жатмак элек? - Суроосун жактырбадым.

- Сүйгөнү чын болсо, көбү эле жылаңачтанып эрди-катындай чогуу жата беришет. Силер антип жаткан жоксуңарбы? - деп дагы ишенбегендей кайталап сурады Инаят.

- Адамды уялтпагылачы. Ишенбей турасыңарбы, чуркап барып шейшепти карагыла. Таптазамын. Мен жаткан жокмун.

- Неге анттиң, жанагы Арзыбектин суу ичкен жок дегени ошол турбайбы. Бекер кыласың. Сайпидин эми сенден кача баштайт, көрөсүң го.

- Мени сүйгөнү чын болсо - качпайт. Аны менен жатып алып, эне-атама эмне деп айтам? "Кызым, жаман ишке барба, көп баспа. Бармак басым жериңди сактай көр. Ошол сенин тагдырыңды чечип коет. Абийирдүү бол. Окууну бүтмөйүн турмушка чыкпа", - деп каникулга барган сайын мага какшай берет. Энемдин сөзүн кантип укпайын? - дедим Инаятка.

- Энеңдин көңүлүн карап олтура берсең, өзүнүн аяштарына сени келин кылып берет. "Ош алыс, ал жакта эмне бар", - деп коет, - Салия өз оюн айтты.

- Энең сага кулпу салып жатты беле. Ойноп-күлө турган маалыбыз ушул. Эрге тийип балалуу болгондон кийин жалдырап туткун болуп олтурасың. Өзүңдүн сүйгөнүңө барсаң го жакшы, сени башка эле тааныбаган бирөө ала качып кетсе эмне кыласың? - деди Инаят.

- Сага жини келип, башка кызды алып алсачы? - деп мага караганда токтолуп калган Салия оюма келбеген суроону берди. Салияга жооп берген жокмун. "Чын эле, аны ойлобопмун. Салиянын суроосу мени кабатыр кылды. Кап, Сайпидиндин сунушун четке кагып бекер кылган экенмин. Ал мени кантип эле таштап кетсин? "Сени чексиз сүйөмүн", - дебедиби. Кучагына кысып, мойнумдан аймалаганы, көздөрүмдү сүйгөнү: "Малинаны жеп алайынчы", - деп илебимди соргону, денемди кармалаган колдору азыр дагы элестеп, менин сезимдеримди дүрбөлөңгө салып жатат: "Ысык-Көлдүн ак-куусун жүрөккө саяйынчы", - деп эркелетет. Мен аны: "Ноокаттын сары алтыны", кээде "Ноокаттын ак шумкары", - деп атаймын. Сары алтындын жылмайганы мага абдан жагат, карап олтура бергим келет. Эмки жолукканда мен Сашканын эрки менен гана болоюн. Ага баш ийип, айтканын аткарайын. И-ий, менин мээм убагында иштебей калат. Эмне үчүн жапайыланып кийимчен жаттым экен жанына. Арзыбектер муну укканда каткырышты го, Сашканы шакаба чегип, шайын кетиришти го. Алтыным, Сашка, экөөбүздүн жолугушуубуз эртерээк эле болсо экен. Азыр эле коштошуп, сени азыр эле сагынып жатам. Жанымда тургансыйсың".

- Эй, сулуу кыз, көзүңдү ач! - Салиянын үнүнөн "селт" деп кеттим. Ойго батып кетипмин. Уялып калдым. Жатаканага келип калыппыз. Таң атканча Сайпидин түшүмө кирип чыкты. Экөөбүздүн кроватта алышып, аймалашып жатканыбыз кайра-кайра элестейт. Жыргай түшүп, сыйпалап жатып ойгонуп кетем. Жанымда жок. Бассам-турсам Сайпидин деп суусаган күндөр өтүп жатты.

Кышкы каникулда поездде келе жатып Инаят Тольяттиде окуган Эрмек деген жигит менен таанышып бирин-бири жактырып калышыптыр. Ал биринчи май майрамына Инаятты мейманга чакырыптыр. Эң жакын курбусу болгондуктан Инаят менен майрамдап келүүгө менин макулдугумду алды. Жасанып-түзөнүп алып биз жөнөп кеттик. Биринчи май күнү эртең менен Самара станциясынан Эрмек досторунун менен тосуп алды. Маанайыбыз ачык, күлүп-жайнап жолугуштук. Тааныштык. Бири-бирибизди кызыга, уяла карайбыз. Жигиттердин колдорунда жаңы ачылган тюльпан букеттери бар экен, экөөбүзгө бөлүп карматышты. Көчөдөн кафеге кирдик. Эрмектин жанындагы Николай, Ринат, Фархад. Нурлан деген жигиттер экен. Улуттары да ар башка: орус, татар, өзбек, кыргыз. Группасында тажик, башкырлар дагы окушат экен. Биз кафеде олтурган кездеал жерге Арзыбек жана мен тааныбаган эки жигит кирип келишти. Алыстан баш ийкешип учураштык. Биз чыгып кеттик. Арзыбекти көргөндөн кийин мен түпөйүл болуп, тынчым кете баштады.

- Кабагыңды ачсаң, курдаш? - деди менин тынчсызданганымды байкаган Эрмек.

- Жолдон кыйналып калсаңыз керек? - деп сөзгө Фархад аралашты.

- Айке, заматта эмне болуп калдың, үтүрөйүп? - деп Инаят шыбырады артта калганда.

- Арзыбекти көрүп коркуп жатам. "Айке келиптир", - деп айтып барса, эмне деп айтам?

- Андан эмнеге коркосуң? Мен түшүндүрөм, эртең кетип бара жатып жолугуп кетебиз, - Инаяттын чечими ушул болду. - Кабагыңды бүркөбөчү. Эрмек сени көрүп кызык болуп жатат.

Биз Тольяттиге Эрмектер жашаган бөлмөгө келдик. Мейман болдук. Таң атканча бийледик, көңүл ачтык. Жигиттердин колу менен даярдалган, өзгөндүн күрүчүнөн жасалган, аш менен сыйлашты. Бул күнү мен Самарада Медициналык институтта окуган Нурлан деген жигит менен тааныштым. Ал Эрмектин кичинесинен бери чогуу жүргөн досу болот экен. Нурлан олтурсам-турсам жанымдан чыккан жок. Анын мүнөзү жайдары, бою орто, чалчаңдап орусча сүйлөгөн көйрөңдүгү бар, бети тоголок келген, кашы-көзү кара жигит экен.

Экинчи май күнү биз кайтмак болуп, Нурландарды калтырып койдук, себеби Самарадан Сайпидинге жолугууну чечтим. Нурланды көрсө дагы тырышпасын деп ойлодум. Эрмек, Инаят, мен - үчөөбүз жатаканага бардык. Жигиттер бөлмөсүндө экен. Сайпидин ордунан туруп бакырды:

- Айке, кечээтен бери кайда жүрөсүң?

- Эрмектер конокко чакырышкан. Биз, Инаят экөөбүз...

- Мен сени күтүп олтурбаймынбы. Сен кимдер менен жүрдүң? Сен... сен бузулган неме турбайсыңбы? - Алаканы шак этип бетиме тийди. Көзүмдөн "от" чыга түштү.

Ысыган бетимди басып, коридорго атып чыктым. Артымдан Инаят келди. Сайпидинди Эрмек кармап калган. Холлдогу терезеде ыйлап олтурдум. Кечээки каткырыктарды, жаңырган музыканы эстедим: "Ушуга ошол себеп болдубу? Же... Арзыбектин бизди көрүп калганы жаман болду. Инаятты ээрчип барбай деле койсом болмок экен". Маңдайымда мени сооротуп, өзүн күнөөлүү сезип, чыйпылыктап Инаят олтурду.

- Инаят, Сайпидинге айтчы, мен качан бузулдум эле? - дедим ыйлап жатып.

Бир маалда жаныма Сайпидин келди да, бетимден өөп, сүйлөшүүгө бөлмөсүнө жетеледи.

- Мени кечирип койчу, Айке! Ачуум менен чаап алдым. Кечээтен бери күтүп олтурдум. Арзыбек сени көрдүм деп айтып келген. Менден башкалар майрамдап жүрүштү, бөлмөдө жалгыз мен калгам - Анын үнү жумшак чыкты.

- Сен менин бузулганымды кайдан көрдүң?

- Кечирип койчу деп жатпаймынбы? Ишенсең бөлмөдө араң эле олтурдум. Сени башкалардан кызганып...

- Үйлөнө элек жатып элдин көзүнчө жаакка чаптың, күйөөм болсоң мындан жаман болчудайсың. Менин эл катары көңүл ачууга да укугум жокпу? Эмитеден тыйсаң, кийин кандай болот?

- Айке, Арзыбекке баягыда бир таба болдум, кечээ дагы "сүйүнчүлөп" келди. Сен жоксуң. Мен кантем? - Көзүнө келген жашты агызбоого аракеттенип бакырайган көзүн кайра-кайра ирмеп, шыпты тиктеп улутунуп койду.

- Сашка, мен сага эң жакшы ойлор менен, сагыныч менен келгенмин. Тилекке каршы, сен мени ушундай тосуп алдың. Жакшы кал, бактыңды тап, экөөбүздүн жолубуз эки башка экен. Сүйүүбүз ноябрдын шамалындай ичирткенткен, кардай муздак, кыш күндөрүндөй кыска турбайбы... кош бол!

Сайпидин көзүн жашылдантып, унчукпай тамга жөлөнгөн бойдон олтурду. Мен акыркы жолу анын жүзүнөн сүйүп, чыгып кеттим. Холлдо Инаят менен Эрмек турушуптур, кабагымды байкап, эч нерсе айтышпады. Вокзалга жөнөдүк.

Сыртта май айынын жумшак жели ойноп турду. Тигине, бактын арасынан мени сооротконсуп күкүк сайрады. Газондордо жашыл чөптөр өсүп, дарактарда жалбырактар жазылып, шаардын жашыл дүйнөсү эми көрккө келе баштаган.

Жан дүйнөмдө

бүлүк түшүп, татту кыялдарымдын быт-чыты чыгып, ойлорум сапырылып, көкүрөгүмө бук толуп жатты. Эч нерсе боло электе жаакка чаап: "Бузулгансың!" - дегени эмнеси? Жигиттердин көзүнө ошондой көрүнүп жатамбы? Ичимдик ичкен жокмун, тамеки чекпесем, эркек менен жатпасам, көчөгө баспасам, мен кантип бузулам?

- Айке, токтолсоң боло? Улактай секирип, каткырып күлүп жүрөсүң. Созулуп жүрбөйсүңбү, сулуу жүзүң, карагаттай көзүң бар, көп эле жигит суктанат, жакшына болуп, бирөөнү кармасаң боло! Карачы созулган кыздар турмушка чыгып жатышат. Сонун-сонун жигиттерди кетирип ийдиң - дечү Салия.

- Жигитти эмне кылам? Жакпаса эле тие беремби? - деп каткырып жооп берчүмүн.

Сайпидиндин мени жаакка чапканына намыстанып, ичим ачышып, аны эңсеп турсам дагы кечирим сураганына карабай, чыгып кеткенимди бир эсептен туура көрсөм, бир эсептен маңдайына олтуруп, баш ийип, кечиришип, жай сүйлөшпөй деп өзүмдү тилдедим. Алгачкы сүйүү ушундай алсыз, гүлдөй назик, морт болот турбайбы. Сүйүү маселесинде дагы тажрыйба керек окшойт, же бирөөлөрдүн кеңеши керекпи. Арзыбектин тилин алам деп жүрүп, Сайпидин экөөбүз эмне болдук. Ичимден Арзыбекти жаман көрүп калдым. Сашка ага мурдунан байлатып алгандай жүрөт. Эх, бул сапар мен өзүмдү капаска салган көгүчкөндөй сездим. Сашка мени: "Ысык-Көлдүн ак куусу", - дечү, ак куу эмес эле капастагы көгүчкөндөй пайдаланмак турбайбы. Же чын жүрөгүнөн сүйдүбү? Экөөбүздү бөлгөн кызганычпы? Кантсе дагы, мен эркин учкум келди!

Ак сүйүүнүн азабы

Кеч күз болуп калган. Жаратылыш маанайы суз тартып, кээде жамгыр жаап, дарактарда сары жалбырактар күзгү желге чимириле жерге түшүп, бак аралай бассаң шуудурайт.

Октябрь айынын акыркы күндөрү болучу. Курбум Резеда экөөбүз жатаканадан чыгып, чоң проспектиге жеткени калганбыз. Аңгыча, студенттик ашкананын бурулушунан эки жигит чыкты. Бет маңдайыбызда бизге карай күлүп-жайнап келе жатышат. Алардын бири Резеданын жигити Расим, экинчиси Расимдин досу Сейтек экен. Жигиттер менен учураштык да, артка, жатаканага, жөнөдүк. Алар бизге мейманга келишиптир. Расим Самарада медициналык институтта окучу. Ал эми мен Сейтек менен кат алышып турчумун. Экөө тең менин айылдаштарым. Жай олтуруп сүйлөшкөндөн кийин биз Сейтектин аскерден кайтып келе жатканын билдик. Мейман болушту. Расимдин дипломатынан бизге базарлыктар чыкты. Үч-төрт күнү гүлдөп, окууну унутуп койдук. Сейтек узун бойлуу, кең далылуу, бир аз тармалдуу капкара чачы тегизделген, коюу каштуу, карагаттай көздүү, жагымдуу жигит. Кыздар аны көрүш үчүн улам бир нерсени шылтоолоп келип жатышты.

Музыканы коюп, комнатаны бекитип алып, өзүбүзчө олтурсак деп аракет кылабыз. Биздин №175 бөлмөдө Сейил, Альфия, Резеда жана мен - төртөөбүз жашоочубуз. Резеда Расим менен сүйлөшүп жүрүшкөндүктөн ал экөөнө эч ким жолтоо болгон жок. Альфия оозу оймоктой, көздөрү бакыракай, кырдач мурун, чачы кыска, узун бойлуу, сулуу кыз эле. Бир-эки көргөн жигиттер жабышып, артынан чуркап калышчу. Көңүлүнө жаккан жигит көрсө, Альфия дагы: "Чабыш керек", - деп, көздөрүн жайнатып калчу. Жигиттер кайра-кайра келип, маңдайында жалдырап турганын жакшы көрчү. Бул жолу дагы ал Сейтекти көргөндө өзүнүн "кайырмагын" салды. Кат алышып жүргөнгөбү, мен дагы ичим тарып, андан кызгана баштадым. Мурда байкабапмын, Сейтек көзүмө дүйнөдөгү жалгыз сулуу жигиттей көрүндү. Ал менин жүрөгүмө жакын боло баштады. Кайда олтурса кайтарып, анын жанынан чыкпай калдым. Сейтек экөөбүздүн жылдызыбыз келишти. Төрт күндөн кийин жигиттер Самарага сапарга чыгышты. Резеда экөөбүз темир жол вокзалына узатып бардык.

Кеч. Эшикте муздак шамал. Поезд күтүп Резеда менен Расим бир жерде, Сейтек экөөбүз өзүбүзчө бир жерде турганбыз. Бир убакта вокзалга ак калпак кийген отуздай жигит кирип келишти. Биз кыргыздар деп көрүп алып сүйүндүк. Өбүшүп турган Расим менен Резеданын жанынан өтүп бара жатып бирөөсү бир нерсе деп айтып кетти. Аны угуп Расим: "Козел", - деп кыйкырып калды. Мушташа кетишти. Койгулашып жатып, сыртка чыгышты. Сейтек менен Расим ортодо калышты, алты-жети бала тегеректеп алышты. Бирок биздин балдар эч кимисине алдырган жок. Бериде турган кыргыз балдардын бирөө кыйкырды: "Мушташыңарды койгула, кыргыздар турбайбы!".

Анын сөзүн эч ким уккан жок. Аңгыча милиционердин ышкырыгы угулуп калды. Мушташкандар качып кетишти. Биздикилер вокзалдын арты менен чуркашты. Аркасынан милиционерлер кууп, бирөө:

- Стой! Стрелять буду! - деп кыйкырды. Мен атып салат экен деп коркуп, чуркап бараткан Сейтектердин артынан карап турдум. Милиционер атты, Сейтек калың бактын ичине кирип кетти. Буту аксаган Сейтекти элестетип алып, ыйлагым келди. Резеда экөөбүз эл аягы басылып, поезд жөнөп кеткенден кийин балдарга бардык. Милиционер асманга атыптыр. Жанагы мушташкандар армияга чакырылган оштуктар экен. Сейтек менен Расим 6-ноябрь күнү кайра келүүгө убада берип, поездге түшүп кетишти. 6-ноябрдын таңында Расим менен Сейтек келишти. Бөлмөбүздө майрамдадык. Кыздар, жигиттер кирип чыгып, бири-бирибизди куттукташып жаттык. Музыка жаңырат. Расим гитара чертип, биз "Табигат таңы" деген ырды жактырып, кайра-кайра ырдадык. Сейтек экөөбүз ээн жерде олтургубуз келип, окуу бөлмөсүнө (читальныйга) кирдик.

- Айке, көп күндөн бери экөөбүз эң жакын адамдардай жүрөбүз. Бирок бир нерсе жөнүндө сүйлөшкөн жокпуз го?

- Эмне жөнүндө?

- Сенин жигитиң барбы?

- Бар, - дедим күлүп.

Сейтек унчукпай калды. Ага бул жооп катуу тийди.

- Сен жигитим кайда экенин билгиң келбейби? - деп дагы эле күлкүмдөн жазбадым.

- Жок, - Уккусу келбей, тетири карады ал.

- Сен кызыкпасаң, ал жигит мага кызык, таанышып ал, жигитим мына! - деп мен Сейтектин чачынан сылап, өптүм.

Ал сүйүнүп кетип, мени жерден так көтөрүп, чимирилтип колунан түшүрбөй койду:

- Айке, сени дайыма ушинтип көтөрүп жүрсөм, ээ? Кубанычым менин. Экөөбүз эч качан айрылышпасак, кандай сонун болот эле?

- Мен чынында үйгө кетишим керек да анда кантесиң?

- Сени сагынам, ыйлайм, күтөм.

- Мен сени качан алып кетейин? Ыйлабачы деги.

- Төрт жылдан кийин.

- Ушунча көп убакыт кантип өтөт?

- Чыдабайбыз го, жарылып кетебиз го?

- Үйдөгүлөр мени окууңду бүтмөйүн турмушка чыкпа дешкен.

- Болуптур, төрт жылдан кийин экөөбүз баш кошобуз. Ага чейин убадаңды берчи.

- Мен тартиптүү кыз болуп окуумду бүтөм.

- Жигит менен сүйлөшпөйсүң.

- Сен кыздар менен таанышпайсың.

- Мен качан кетейин?

- Дагы үч-төрт күн жүрө тур. Сагынычыбыз таркасын. Мага бир жылдык азык берип, анан кет.

- Жүрү, комнатага баралы,- Кой десем болбой Сейтек мени көтөрүп алып бөлмөгө барды.

Бассам-турсам оюмду ээлеген нерсе - менин мындан аркы тагдырым болду. Көп ойлондум.

Сейтектен ажырасам, кийинки жашоом жакшы болбой калчудай туюлду. Ал менден кетсе, өзү менен кошо менин акыл-эсимди, жүрөгүмдүн теңин алып кетчүдөй. Мен жердешимди эс-акылымды жоготуп калганча сүйүп калганымды түшүндүм. Ал дагы мага махабатын арнаганын билдирди. Баягы ак жайдын күнү төлгөчү Мариянын айтканын угуп, каткырып күлгөнүм эсиме түштү. Андан бери эки ай гана өттү. Сүйүү келип калса, бат эле эс-акылың тумандап, жүрөгүң өзүңө баш ийбей калат турбайбы. Мария айткан дүрөгүстүн падышасы Сейтекпи? Баса, Сайпидин менен болгон ачуу махабат кайталанбайбы деп чочуйм.

Мүмкүн, аскерден келе жаткан жигит куурчак ойногонсуп эрмектеп, анан таштап кетсечи? Сөздөрүнө караганда ишенсе болот. "Бөлөк адам эмес өзүбүздүн айылдык жигит го" - дейт ички сезимим.

Кечинде бөлмөдө төртөөбүз калыптырбыз: Расим, Резеда, Сейтек жана мен. Бийледик, светти өчүрүп коюп анекдот айтышып жаттык. Эмнеге каткырганыбызды билбейм, далайга чейин кыран-каткы күлкү жаңырып турду.

Таттуу уйкудан эртең менен ойгонуп кеттим. Маңдайымда тизелеп Сейтек менин уктап жатканымды карап олтуруптур. Чекемди өөп койду: "Турсаңчы уйкудагы сулуу". Бул таңда мен өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу адамдай сезип, сергек турдум. Көтөрүңкү маанай, денедеги жеңилдикти байкадым. Резеда экөөбүз өкмөт үйүнүн алдында студенттик парадда бастык. Эртерээк Сейтекке жетсем экен деп, убакыттын өтүшүн тилеп, ардагымды сагынып турдум.

9-ноябрь күнү Расим Самарага кайтты. Сейтекти такыр жанымдан чыгаргым келбейт, кучактап алып буркурап ыйлайм. Күндө эртең менен кет деп жатып Сейтекти алып калдык. Кечинде: "Кыздар, мен үйгө кетейин", - деп коштошуп жатат. Эл жаткандан кийин мен туруп, Сейтектин ботинкасын катып коем. Эртең менен бут кийимин таппай калып калат. Бир күнү комнатага студсовет текшерип келди. "Чоочун адам жокпу", - деп кроваттардын астын карады. Терезеге барып шторанын артынан издеди. Эч ким жок. Чыгып кеткенден кийин "өхүлөп" жатабыз. Сейтекти шифонерге киргизип жибергенбиз.

Сейтек кетүүгө даярданган күнү, Альфия бөлмөдө чыр чыгарды. Кабагын түйүп, кимдир бирөөгө кекенип, ачууланып алыптыр.

- Кыздар, биздин комнатада эмне деген жашоо? Качан тыйыласыңар? - деди ал бизге карап бөйрөгүн таянып.

- Эмнени тыйыш керек? Бизди тыйгандай сага эмне кылдык? - Резеда Альфияга кайра суроо берди.

- Сен өзүңдүн эмне кылып жатканыңды билбейсиңби? Бул жатакана эмес "публичный дом" болуп калды. - Альфия үнүн катулатты.

- Сен эми эле тартиптүү болуп калдыңбы? Артыңан төрт-беш жигтти ээрчитип алып жүрчү эмес белең? Ичиң күйүп жатабы? - деди Резеда токтоо гана.

- Ооба!

- Биз сага окшоп беш-алтоону ээрчиткен жокпуз!

- Кыздар, урушуңар мен үчүн болуп жатат, азыр эле кетип калайын, урушпагылачы, - Сейтек ортого түштү.

- Ичим күйүп жатат! Сейтек! Эмне үчүн ушунча кыздын ичинен шалактатып Айкени тандадың? Эмне үчүн бизди карабайсың? - деди Альфия.

- Девочки! Не надо сориться! - деди Сейил Альфияны колдон алып.

- Дура, Альфия! Жоголчу нары. Сендей шлюханы ким карасын. "Публичный дом" десең, өзүң жашай бер. Бизди кетирип публичный дом кылып ал. Биз таза жерге жашайбыз. Сендей эмеспиз.

- Жоголгула! Азыр кеткиле!

- Сенден коркпойбуз! - деди Резеда. - Любой жерге барсак "воттак" жашайбыз.

- Сейтек! Так несправедливо! - Альфия сөзүн кайра баштады. - Сен Айкеге үйлөнбөгүн.

- Альфия! Сага жакса да сени Сейтек жактырган жок. Сенин менден эмне артыкчылыгың бар? Эмне сен өзүңдү асмандатасың? Сейтек сендей келесоо эмес. Мен сенден тазамын, сулуумун, ошон үчүн ал мени сүйдү! - дедим. Альфия экөөбүз урушуп кеттик.

Шаардын бир жеринен кырк сомдук ижара таап, ушул эле күнү Резеда, мен, Сейтек - үчөөбүз көчүп кеттик. Эртеси Сейтекти Кыргызстанга узаттык.

Декабрь айынын кооз, назик, аппак кары тынымсыз жаап жатты. Сейтек, Расим, Резеда жана мен Талант айдаган ак жигулиде менен келип, Ысык-Көлдүн жээгине токтодук. Кыш мезгили болсо дагы турмуш жолуна жетелешип түшүп жатып, касиеттүү көлгө таазим кылууну Сейтек туура тапты. Бизди куттуктагансып майда толкундар биринен сала бири келип жээке урунуп, жок болуп кетип жатты. Көлдү тиктеп, келечектен жол издегендей, ойлуу жээкте турдук.

- Айке, уламыш боюнча көл эмнеден пайда болгонун уктуң беле?

- Жок, уккан эмесмин.

- Эмесе угуп тур, мен айтып берейин, - деди Сейтек.

- Илгери өткөн заманда ушул Ысык-Көлдүн ордунда чоң шаар, анын тегереги ажайып кооз токой экен. Анда өрүк, алма, алмурут сыяктуу түркүн мөмөлүү дарактар өсүп, кулан, жейрен, маралдар мекендешиптир. Шаарды мээрман, акылман хан бийлеп туруптур. Анын дүйнө жүзүн төрт айлансаң кездешпеген ай десе айдай, күн десе күндөй ашкан сулуу жалгыз кызы болуптур. Хан өзүнүн кызына Ак-Жибек деген эң күлүк, ак жибектей кулпунган тулпар тартуулаптыр. Аны минип алып аптанын бир күнү сайын эрке кыз нөкөрлөрү менен токойго же тоого сейилге чыкчу экен.

Ошол эле мезгилде алыскы бир күнөстүү мамлекетте жаш хан жашоочу экен. Ал сымбаттуу, бойлуу, чырайлуу жигит болуптур. Саамайы алтын, тиши бермет ханды көрүп далай аялзаты эстен таныптыр. Бирок ал жигит эч кимди жактырбай, жыйырма бешке чыкканча өзүнө ылайыктуу жар таппаптыр. Анын ата-бабасынан мураска калган баа жекис сыйкырлуу жашиги болуптур. Буюмдун бир жерин бурап койсо, өлгөн атасынын үнү угулуп, өзүнүн акылып айтып, дүйнөнүн кайсыл жеринде кандай окуя болуп жатканын көрсөтчү экен.

Күндөрдүн биринде Алтын Саамай хан эригип олтуруп, казнадан сыйкырдуу жашигин алдырат. Андан он алтыга жаңы толгон хандын кызы Күсулуунун Ак-Жибегин минип сейилдеп жүргөнүн көрүп, ашык болуп калат. Бирок жашиктен атасы баласына ашыктыктын аягы зыяндуу экенин айтып, алыска барууга тыюу салат. Хан анын тилин албай, дароо тору айгырын минип, сейилдеп жүргөн кызга жөнөйт. Беш күндүк сапардагы жигит өз жолун уланта берсин, биз токойго чыккан Күнсууу жөнөндө кеп улайлы. Кыз адаттагысындай эс алып жүрүп, ошол аймакта жашаган жети бир тууганга көрүнүп калат. Бул жолу Күнсулуу сейилге жалгыз чыгат. Бир туугандар биринен-бири ашкан көзгө атар мерген, күчтүү, өнөрлүү болушат. Жигитттер баары тең Күнсулууну сүйүп калышат да, ага жаккысы келип, ар кимиси өз өнөрүн көргөзө башташат.

Улуусу бийик тоонун аркы бетинде оттоп жүргөн аркарды өлтүрө ата алат экен. Экиничиси бак-дарактардын жалбырагынан алтын-күмүш тыйындарды, сөйкө-шакектерди жасап көрсөттү. Үчүнчүсү агып жаткан суудан сузуп туруп, "сүф" деп жерге чачын жиберсе, дасторкон жайылып, ага он беш түрлүү тамак толуп калат экен. Төртүнчүсү алаканындагы топуракка дуба окуп, тилегин айтып койду эле, колундагысы жерге чачылып, заңгыраган ак сарай болуп калды. Бешинчиси бактан жыйырмадай кумурсканы алып, кербенчинин алтын күмүш жүктөлгөн төөлөрүнө айлантты. Алтынчысы сол алаканынан келечекти көрө аларын айтып, колун ачса, ак куу, өрдөк сүзгөн көгүлтүр көл көрүнөт. Күнсулуу аны карап: "Ой-ий, абдан кооз көл экен", - деп көлдүн сулуугуна суктанат. Жетинчи жигит оң алаканы менен хандыктын чек арасын караса, тору айгыр минип, аябагандай сулуу жигит келе жаткан болот. Күнсулуу аны көрүп, эстен танып калат. Бир туугандар кызды эс алдырып: "Кимибизди жактырдың, бирөөбүзгө жар бол!" - деп суранышат. Анда Күнсулуу: "Силерде баардык өнөр бар экен, бирок мен издеген махабат, ыйык сезим жок экен", - деп жооп берип, жолун улап, чоочун жигитти алдынан тосуп чыгат. Сыйкырдуу жашиктен көргөн хандын кызын дароо тааныган Алтын Саамай учурашып, ал-жайын сурашып, экөө бири-бирине ашыктыгын билгизип, түбөлүк бирге болууга антташат. Алма, өрүгү төгүлгөн токойдо көңүл ачып, мөмөлөрдөн жеп, аңчылыктын кызыгына батып, булактын ширин суусунан ичип, бир топ күнү жүрүп калышат. Күнсулуу менен бейтааныш жигиттин биримдигине ичи күйгөн жети бир тууган экөөнү ажыратунуу максат кылышып, ханга барышып, кызын жамандашып, Алтын Саамай көп аскерлер менен келген душман экенин айтышып, жетинчи бир тууганын оң алаканынан токойду көрсөтүшөт. Ишенбеген ханды акыры ынандырышып, Алтын Саамайдын көзүн тазалоого уруксат алышат. Бир нече чакырым алыстыктан туруп, жети баатырдын улуусу жигиттин тору айгырын жаа менен атып өлтүрөт. Жети бир туугандын кууп келе жатканын түшүнгөн эки жаш Ак Жибекке минип, шаарды көздөй качышат. Көзгө атар мерген дагы атат. Жебе Алтын Саамайдын жүрөгүнө тийип, аттан кулап түшөт. Күнсулуу жигиттин башын кучактап ыйлап олтуруп, көзүнүн жашы көлгө айланып, шаарды каптайт. Акырындап шаар жерге чөгүп, көлдүн түбүндө калат. Ашыгынан айрылган хандын кызы махабатына ичи тарлык кылган жети бир тууганды каргап, кудайга үнү жете ыйлайт. Жети бир тууган минип турган аттары менен турган жеринде жети тоого айланып кетиптир. Өлсөк да, бирге болобуз деген шертине бек туруп, Күнсулуу олтурган жеринде Алтын Саамай менен бирге көлгө чөгүп өлгөн экен. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Күнсулуунун көз жашынан пайда болгон көл жайы-кышы жылуу болгондуктан - Ысык-Көл, ал эми хандын тору айгыры өлгөн жер - Тору-Айгыр, жети баатыр кубулган тоо - Жети-Өгүз деп аталып калыптыр.

- Айылга жакындап калдык, кыз каадасы кылып ыйлап кой. - деди Расим мага.

- Сүйлөшүп келип алып эмнеге ыйлайм? - дедим мен.

- Айке, жалжаңдап күлүп кирип барып бизди уят кылбагын, -- деди Талант бир жагынан.

- Чачыла деген болот, башыңдан ылдый момпосуй, боорсок, өрүк чачса өлүп бараткансып жерден өрүк терип жебе, аны балдар, кемпир-кесек жейт. Баарыбыз элестетип алып күлдүк.

- Салтка тууралаш керек да, чачың жок болсода каршы болбой өрдүрүп кой, эки кемпир шайтандын мүйүзүндөй кылып төбөңдүн төрт жеринен ийнелеп ак жип менен байлап коет, - деп алып Талант боорун тырмалады. Резеда көз жашы чыкканча күлдү.

Тамашалашып олтуруп, Сейтектердин үйүнө келип калдык. Машина короонун ичине токтоду. Мени эки келин жетелеп үйгө киргизишти. Төркү бөлмөнүн бурчунда баш-аягынан бүйүрмөлөнгөн кооздолгон көк көшөгө тартылып туруптур. Көшөгөнүн ичине кирбей, Резеда экөөбүз бири-бирибизди карап үнсүз күлүп турдук. Эмнегедир биз жакка көпкө чейин киши баш баккан жок. Бир топто бизди жандаган келиндердин бирөө кирип, башыма ак шерсть жоолук салып, бизди олтургузуп кетти. Айланага көз жүгүрттүм. Сандык, үстүндө он чакты жаңы капталган түрдүү жууркан, төрдө чоң килем, бир капталында сайма туш кийиз тартылып, полдо эки чоң жаңы шырдак салынган. Мен отурган бурчтун дубалында кичирээк килем илинген, бөлмөдө бир гана терезе бар экен.

Үстүбүзгө кемпир-кесектер кирип-чыга баштады. Күтүшкөнбү, Сейтектин достору дагы чогулуп келишиптир. Дуулдап кирип мени куттуктап жатышты:

- Оо, Айке, бизге аяш болуп калдыңбы?

- Келе колду.

- Билинбей жүрүп Сейтек экөөң кайдан табышып ала койдуңар? Балдарды Кубан күлдүрдү.

- Армияда жүрбөй эле бул сага служить этип келген го? Ха-ха...

- Бирөөң Польшада жүрсөң, бирөөң Россияда жүрсөң, качан сүйлөштүңөр?

- Эми кантип сүйлөшкөнүн экөөбүзгө отчет кылмак беле, прокурордой болбой олтургулачы, чай ичели, - деди Кубан. Ошол күнү никебиз кыйылды. Эртеси күнү кечте Сейтектин классташтары бизди куттуктап келишти. Чай ичилди. Музыка жаңырып, бийлешти. Түрлүү кептер айтылды. Ысык тамак берилди. Дасторконго Сейтек экөөбүз бата жасадык. Ортодо бир аз тынчтык болуп калды эле, Расим:

- Эмесе куран окуп койгула, - дейт.

Олтургандар тымтырс болуп калышты. Мен дээримди билбей олтурдум.

- Куранды жөн эле окуй беребизби?, - деди Сейтек ыңгайсыздана.

-Тантыраган энеңди урайын, куран окугудай киши өлүп жатты беле? - деди Кубан Расимге.

Сен, ак кулак, кыргызчаны тыңдап үйрөнүп анан сүйлөсөң боло, - деди Талант досуна.

Мен Расимге таарынган деле жокмун. Сөзүнө күлкүм келди. "Ак кулак" болгон себеби ал сегизинчи класска чейин Фрунзеде орус мектепте окуптур. Айылда эки жыл жашап, кайра Самарага окууга кеткен.

Ыңгайсыз абалды Кубан оңдоп кетти:

- Расим дамбылда, жүрүңүз эшикке чыгып эки жашка орун бошотолу.

Кубандын артынан башкалар мени менен коштошуп эшикке чыга башташты. Меймандар тарап, Сейтек экөөбүз көшөгөнүн ичинде олтурдук. Магнитофонду коюп, мен Сейтектин тизесине башымды жөлөп, мойнунан кучактап, өөп жаттым. Экөөбүз тең кубанычыбыз койнубузга батпай, бул дүйнөнүн ырахатына бөлөндүк.

Жибек көшөгө назиктик, аруулукту сүйүнчүлөгөндөй, биздин ысык махабатыбызды кубаттагандай көйкөлүп турду. Мен Сейтекти кучактап олтуруп, кимдир бирөөнүн бизди тигиле карап турганын сездим. Башымды көтөрүп, көшөгөнүн бурчунан шыкаалап турган кайын энемди көрдүм. Экөөбүздүн каректерибиз кадала түшүп, анан ал кетип калды. Өзүмдү бир башкача сездим. Көңүлүм бир аз түпөйүл болуп, анан Сейтектин эргүүсүнө алаксып кеттим. Аз өттүбү, көп өттүбү билбейм бир маалда бөлмөнүн ичи күйүк жыттанды. Экөөбүз ордубуздан атып турдук. Күйгөн эч нерсе көрүнбөйт. Кире бериште электр жылыткычы турган. Ага биздин көк көшөгөбүздүн бир бурчу күйүп калыптыр. Сейтек экөөбүз бири-бирибизге айталбаганыбыз менен ичибизден бушайман болуп, тиктешип олтуруп калдык.

Бири-бирибизсиз карыш жылбаган, эч кайгы-капасы жок жаштыктын бактылуу күндөрү өтүп жатты. Кийинки жылы биз кыздуу болдук. "Бул наристе экөөбүздүн ысык махабатыбыздын күбөсү болду" деп аны Махабат атадык.

Жашоо жөнүндө эч кандай кыйынчылыктар, проблемалар жок, санаасы жок күндөрдө мен үчүн адам болуп жаралгандан бери көзүмдү ача турган, дүйнөнү тааныта турган маселелер келип чыкты.

Үйдө кайын атам, кайын энем, кайын сиңдим болуп жашачубуз. Баламды алып, больницага барайын десем, көйнөгүм жок. Кайын сиңдим кийип кетиптир. Кайын энеме айттым.

- Өлүк-тиригиңди көрөйүн, көйнөк-ыштанын эмне кыласың? Бизди ууру тутуп жатат. Кайдагы балакет келди эле үйгө! - деп кыйкырып, казан-аякты калдыратып, кызы келгенде чыр салды. Ушул окуядан кийин иренжий түштүм.

Бир күнү Махабатты көтөрүп, атамдыкына чыгып бара жаткам, Сейтек:

- Каякка бара жатасың? - деп сурады.

- Атамдыкына барып келейинчи! - дедим бейкапар.

- Барбайсың! Баланы алып барба! - деп буйрук берди.

- Барам! - дедим өз оюмду бербей.

Сейтек мени башка бир чапты. Ыйлап олтуруп калдым. Андан муну күткөн эмесмин. "Алтыным, ушул сени кантип чекеге чертейин!" - дечү. Анын сөздөрү куру гана жел экен го. Сейтектин артында кайын энемдин көкүтүүсү бар экенин түшүндүм.

- Ой, бул үйдө бир ууру бар! Билем! Издегилечи, менин алтын шакегим жок! Кокуй, шакек жоголду-у-у! - деп өкүрүп жатты, кайненем. Аздан кийин участковый милиционер кирип келди.

- Ий, келегой, кагылайын, өт! - деди кайненем жумшак үн менен. - Бул үйдө бир ууру болуп жатат. Менин алтын шакегим жоголду. Ким уурдаганын билип бер.

- Ай, Сейтек, сырткы эшикти бекит. Үйдөн киши чыкпасын, сырттан да киши келбесин, - деди бир аздан кийин уулуна.

Болуп жаткан окуяга таң калып, шалдырап отуруп калдым. Кайненем менин чемоданымды чачып, жанталашып алтын шакегин издеп жатты. Өмүрүмдө мындайды көрбөгөн жаным, башыман ылдый муздак суу төгүлгөндөй ичиркенип кеттим. Алтын шакек табылган жок.

- Милийса балам, табылбаса дагы шакекти ушул эле алды же бирөөгө каттырып койду. Мобул катынды алып барып камап кой. Ошондо кимге бергенин айтар, - деди кайненем.

- Мен албасам эмнеге камайсыңар? - дедим акыры.

- Апа, бир шакек үчүн эмне болуп жатасыз? Айкенин алганын мойнуна коё аласызбы? - деди Сейтек.

- Жап жаагыңды! Өлүгүңдү көрөйүн! Мен бала эмес эле эмнелерди туугам. Катыныңа болушуп... Ме, анда мени сотко бергиле! - деп өкүрдү кайын энем. Сейтек унчукпай калды.

- Апа, арызыңызды жаза бериңиз, - деди милиционер. Кайненем экөө олтуруп арыз жазышты. Махабатты Сейтек алып калды. Мен милиционерди ээрчип конторуна бара жаттым. Жолду ката санаа көңүлүмдү ээлеп баратты.

- Мына, мобул өз үйүнөн уурулук кылыптыр!

- Хи-хи-хи! Алтын эмнени гана кылбайт!

- Каапыр! Ушуга кантип колу барды? - деп көргөн эл сөз кылып, мага сөөмөй кезеп жатышты.

- Көп капа болбо, чоң кыз. Жашоодо ар кандай кызык окуялар болот. Түрдүү кишилерди көрөсүң. Бирок ушундай кемпирди биринчи ирээт көрүшүм. Айтканын жасабасаң үстүңдөн арызданышат. Контордо 1-2 саат олтуруп, капаңды жазып алып, анан барасың. Жолдошуң дагы жоош бала турбайбы, - деп менин көңүлүмдү улады милиционер жигит.

Аңгыча алдыбыздан атам чыга калды. Ал мектептен келе жатыптыр.

- Айке? Кайда жөнөдүң? Сага эмне болду? Болгон ишти айтып бердим. Ызама чыдабай ыйлап жибердим. Атам чочуп кетти.

- Жолу болсун Сейтектин. Көрүп туруп кой деп койбойбу. Түз үйгө апаңа бар, кайын энең менен өзүм сүйлөшөм, - деп мени кетирип жиберди да, милиционер менен калды.

Атам иштин көзүн билген, туура сүйлөгөн, билимдүү адам болгондуктан, анын айыл ичинде кадыр-баркы бар эле. Кайненем менен эмне деп сүйлөшкөнүн бизге айткан жок. Махабатты апама таштап, мен Фрунзеге окууга кеттим.

Тогуз кайрык

(Новеллалар, цикли)

1. Жамгыр

Июль айынын жамгыры жаап жатты. Кара булут арасынан чагылган жаркылдап, алда кимге арыздангандай, күн күркүрөйт. Төбөсү асман тиреген бийик тоолор бүдөмүк гана көрүнөт. Айлана күңүрт тарткан.

Кайдадыр ашыккансып, күмүштөй тамчылар тымысыз куюп жатты. Жагымдуу тамчылар. Кийимиңди чечип ыргытып, денеңди тосуп тура бергиң келет. Теребелдеги баардык нерсени жууп жатты жамгыр. Кызыл, ак түстөгү жоодураган гүлдөрдүн бариктерин. Шактары ийилген жүзүмдү. Кызылына тарткан кытай чыныдай алмаларды. Өсүмдүктөрдүн жашыл жалбырагын, жердеги түркүн чөптөрдү. Баардыгын тазартып жууп жатты. "Ай-ий, чаң басып кетиптир го, азыр сени тазартам", - дегенсип, тынымсыз куюп жатты жамгыр.

Көчөдө жан жок. Баардыгы жамгырдан качкандай. Поезд күткөн жүргүнчүлөр да көрүнбөйт. Ашыккан поездер гана станцяга келип-кетип, алмашып жатышат. Шөмтүрөп суу болуп кеттик. Биз гана барбыз. Сен жана мен. Биз жөлөнгөн уяң кыздай ийилип, чачын жазган мажүрүм тал. Анан жамгыр.

Өжөрлөндү жамгыр. Ага карабай денебиз оттой ысып, махабат ырахатын татып, поезд күтүүдөбүз. Таттуу сезимдер. Акыркы мүнөттөрү. Жамгырдан талашып, чоктой ысык илебимден, суу болгон мойнуман, көкүрөгүмдөн, жүзүмдөн, эрдимден чолоо жерин койбой бурдай сүйүп жаттың. Жагып турдуңар. Сен дагы, жамгыр дагы, вокзалдагы кунарлуу ошол кеч дагы. Магдыраткан "тайфундун" жыты, кыса кучактаган карылуу колдоруң, сүйүүбүзгө күбө болгон жамгырдын шыбыры бүтпөсө экен деп тиледим.

Кыянаттанып кыйкырып поезд келди. Кол булгалап, вокзалда кала бердиң. Бул биздин акыркы котошуубуз экенин сезбей, мен кеттим. Андан бери жамгырлар нечен төктү. Экөөбүз жолуга албадык. Махабат кайрылбады. Ошол кечтин күүгүмү аны уурдап кеттиби? Гүлдү жууган, жүзүмдү, алманы, шиберди жууган жамгыр алоолонгон махабатыбызда дагы жууп кеттиби?

2. Көз ирмем

Сен - Данияр, мен - Жамийла болчумун. Баягы 17-чи поездден таанышканбыз. Аскерден кайтып келатыпсың. Сымбаттуу экенсиң. Тармал көкүл саамайың бассаң сеңселет. Боюң узун жигиттин нурусуң. Экөөбүз бат эле тил табышып, жылдызыбыз келишти. Самаранын бактарында кумарлуу кечтер өттү. Ыр-күлкүлүү айлуу түндөр кетти. "Ай-ий, Айтматовдун Данияры менен Жамийласын карагылачы", - дешчү кыз-жигиттер тамшана. Мени түз эле Токтогулга, туулган жериңе алып кетмек болдуң.

"Келатат! Күйөө бала келатат!" - деп сүйүнчүлөштү. Карасам бой-келбетиң келишип, кычырай басып, төртүнчү кабаттын лестницасында көтөрүлүп келатыпсың. Эмнеге экенин өзүм да билбейм, жашынып калдым. Керилип жанымдан өтүп кеттиң. Одеколонду буркурата себинипсиң. Артыңдан суктана карап турдум. Сезбедиң. Мени таппай дүрбөп калышты. Таппай калдың сен да. Самолет учмак.

Жаңылганымды кеч сездим. Эрдимди тиштедим. Сени эңседим. Жетпедим. Зар болдум. Күлүк ой, таттуу кыял жетелеп сага алпарат. Ак көйнөгүмдү кийип алып, чачымды жазып, жылаң аяк жайдын айлуу түнүндө кездешүүгө барамын. Мага канат бүтөт. Көз ирмемде жетемин.

"Данике, мен келдим!" - дейм акырын. Дүпүйгөн бактын түбүндө баатырларча керилип жаткан жериңен чоочуп туруп: "Ий, мынча неге кечиктиң? Уктап кетипмин. Келчи, үшүп калыпсың", - деп кучагыңа кысасың. Көздөрүң көздөрүмө чагылышат. Карегиңден кусалыгың окуймун. Сагынычың төгөсүң. Таарынычың билдиресиң. Муңканып ырдайсың. Күнөөмдү сезип, жароокерленем. Кубанасың. Эркелейм. Сага жеткенге өзүмдү бактылуу сеземин. Экөөбүз жетелешип мен жактырган Долон капчыгайындагы шар аккан сууга барабыз. Суу чачышабыз. Махабатка тойбойбуз. Ойнойбуз. Жашынасың. Балатылардын арасына кирип жок болдуң. Мен издейм. Көздөрүмдү алаңдатып таппайм. Кыйкырам. Буулугам. Чочуйм. Таң атып кетет.

Эмнеге жашындым экен? Көз ирмем дагы бүтүндөй тагдырыңа бурулуш жасаарын түшүнбөпмүн.

3. Жалгыздык

Сени келеби деп үзүлбөгөн үмүт өчпөй, бүгүн дагы эртерээк жатууга камынып, жарыкты өчүрдүм. Уйкум келбей, жаздыкка башымды коюп, табышыңды тыңшайм...

- Хи-хи-хи! Жалгыз калдыңбы? - бөлмөнүн бурчунан саксайган неме суурулуп чыгып келип, мени шылдыңдап коркутат.

Жуурканга башымды катып, көзүмдү бекем жуумп, ачпай, бышылдап тердеп, койнумдагы кызымды кучактайм. Үч жашар болсо дагы, ал мага чоң караан болот.

- Апаке, атакем качан келет? Сен эшикти илбей жат, ээ? Анан атакем кире албай калат, ээ?

- Эх, жашооң түшкүр! Карачы, ушул балага, баарыдан мурда, атасы керек турбайбы. Ал кызынын сагынычын сезер бекен, ойлор бекен? - деймин. Наристем жатып алып таттуу тили менен ар нерсени, кыялдарын божурайт. Капалыгым жазылып, баардыгын унута түшөм. Сүйлөп жатып кызым бышылдап уктап калат.

Жалгыздык терезенин түбүнөн кайра чыгат. Бир туруп капкара узун нерсе болуп, бирде аркы бурчтан аппак болуп көрүнөт. Катуу дем алгандан коркуп, кыймылдабайм. Денем көл-шал болуп кетти. Дүк-дүк-дүк... Кимдир-бирөө келаткансыйт. Сен келатасыңбы? Сен болуп калсаң экен Тыңшай берем жадабай. Дүк-дүк-дүк. "Качан келип, эшикти тарсылдатат", - деп үмүттөнөм. Жоксуң. А-а! Түрсүлдөп жаткан өзмдүн жүрөгүм турбайбы... Шаабайым сууй түшөт. Өчтүм. Жарык дүйнөдө жашоо мага кызыксыз болуп кетет. Көзүмдөн жашым агат. Үнүмдү чыгарбай, ызага муунуп ыйлайм. Эсиме экөөбүздүн кечки салкында бак аралап жетелешкен күндөрүбүз түшөт. Эч ким бизди аңдыбай, суктанбай, ичи тарланбай экөөбүз гана бактылуу жубайлар болуп жашачубуз. Балким, бизге сезилбей, ошол кезде эле кимдир бирөө ичи тардык кылып, кекенип жүргөндүр?

Азырчы? Сенин үйгө келбегениңе жети-сегиз айдын жүзү болду. Ичимдеги билинип калды. Төрт-беш күндө бир келип, эч ким жокпу деп текшерип, көңүлүң тынып кетип каласың. Кызганычың ичиңде. Ачууң келгендей. Караңгыда терезе такылдайт. Ойгоо жаткан кызым элейип, эси чыгып олтуруп калат. "Бул ким?" - чочулап эшиктен баш багам. Эч ким жок. Сар-санаага батам. Мени түндө эрмектеген ким? Табышмактын жандырмагы эртең менен чечилет, терезенин түбүндөгү карда сенин издериң калат. Эмне үчүн антесиң?

- Алтыным, мен жалгыз коркомун го, кайда барасың, кетпечи? - деп жалдырайм.

- Корком деп... Сен башкадан тапкан балаңды мага док урбагының! - деп камчы менен бир тартып алып чыгып кеттиң...

Камчынын уусу бир тең, сөзүң бир тең болду.

Менин көз жашымды каалаган ким? Мен кимге жолтоо болуп жатам? Биздин ысык махабатыбызды бузуш кимге кызык? Алтыным, кимге керек болдуң экен? Менин балдарымдын көз жашы, убалы кимге жетсин? Мындай ушак сөздөрдү ким чыгарып жатат? Сен бузукуларга алданып жатканыңды билер бекенсиң? Ак никеден жаралып, али жарык дүйнөгө келе элек балаңды каралап, күнөөгө батып жатасың го? Айтууга кантип дитиң барды экен? Мен ошол адам менен өмүрү кол кармашып көрбөгөнүмдү, жакшыраак бир ооз сөз сүйлөшпөгөнүмдү сен билбейсиң. Кучакташмак турсун, сенден бөлөк адам колумду кармаса итиркейим келет. Сага деген сүйүүм улуу экенин билсең дагы, мага мамилең өзгөрө баштады. Ак ийилет, бирок сынбайт. Мен сага тазалыгымды далилдешим керек. Өзүмдү өзүм сооротом.

Курсагымдагы ымыркай жүрөгүмдүн алдынан бул дүйнөдө өзүнүн бар экенин кабарлагандай, кыймылдады. Колум менен ичимди сылап, эркелеттим: "Күчүгүм, кимге окшош болдуң экен?... Аман болсок жакында кездешебиз. Мен эч качан сени боюмдан алдырбаймын. Сен сүттөй тазасың, мага керексиң, мен сен үчүн жашаймын".

Тып-тып-тып... Бул кимдин даьышы болду экен? Бирөө бир нерсени шыбырагандай. Туруп келип терезени тыңшайм. Тып-тып... күзгү жамгыр экен. Мага муңун айткансыйт. Анын да таарынычы бар өңдүү. Капаланбаймын, жамгырым! Жалгыздыктан коркпойлучу. Мен жалгыз эмесмин. Жүрөгүмдүн алдында сенин балаң бар.

4. Тагдыр

Сени "Көптөн бери оору болуп, төшөктө жатат", - дешкенинен акыбалыңды суроо үчүн бардым. Көрүшө элегибизге бир топ болгон. Арыктап, жаак сөөгүң чыгып, бетиң щимилип, өңүң капкара. Көздөрүңдүн нуру качып, мунарыктайт. Сүйлөгөнгө алың келбей, үнүң араң эле чыгып, кыңылдап, кез-кез онтоп коесуң.

- Жакшысыңбы? - дедим каргылдана. Кучактагым келсе дагы батына албадым.

- Ии, келдиңби? - деп кыйынчылык менен сүйлөдүң да, жаныңдагыларга кайрылдың. - Терезени ачып койгулачы?

Сыртта июль айынын аптабы эч кимди аягысы келбей, илебин чачып, аба үп болуп турган.

Бөлмөдө экөөбүз гана калдык.

- Сени оору деп угуп, учурашайын деп келдим, - дедим, бир аз тунжуроодон кийин.

- Үч жылдан бери учурашууга убактың болбой, эми келдиңби? Же көзүң ачылып, өлөрүн билип турасыңбы? - деп чарылдаган аялыңдын үнүнөн экөөбүз тең "селт" эттик. Ал эшиктин кычыгынан бизди тыңшап баш багып туруптур. Катуу сүйлөөгө дарманың келбей, тигиге нааразы боло: "Кет!" - деп колуң менен жаңсап, жаныңда жаткан таякты издеп сыйпаладың. Эшикти жаап, кабаанак итчесинен аркы бөлмөдө балдарыңдын энеси сүйлөнүп жүрдү.

- Пендечилик кылыптырбыз, Боке, кечирип кой. Мен сени менен учурашайын деген ниетим жок эле. Ортобузду шайтан аралап кетти. Алдыңа кечирим сурап келдим, - дедим алсыз колдоруңду кармалай.

Сен да менин оюмду ырастай, ысык алаканың менен колумду сыйпагансыдың. Жүрөктүн түпкүрүндөгү ызага туруштук бере албай калдым. Көзүмдөн жашым чубуруп, сени басып жыгылгым келди.

- Мен сага нечен ирээт баратып, жолдон кайткан күндөрүм болду. Мен оорубасам, сөзгө келбей жүрө бермекпиз го. Минтип, мени ажал тооруп калды көрүнөт, - деп кемшеңдеп ыйлай баштадың. - Мени... мени кечирип кой. Экөөбүз түбөлүк ажырашпай калчудай, бири-бирибизден кутулгуча шашып, бөлүнүп кеттик. Кечир мени... Кеч...

Мени эле күтүп тургансыңбы, өңүң бир башкача бузулуп барып, көз алдымда дүйнө салдың.

- Боке! Боке! - деп колуңду кармап, кыйкырып кала бердим. Бөлмөгө башкалар кирип келишти. Аялың да бар. Ооба, экөөбүздүн жаныбызды ал да бөлөк адам эле. Сен экөөбүз сырткы келбетибиз, боюбуз, түспөлүбүз, мүнөзүбүз да бирдей, "бир эмчекти эмишкен, бир жатында тебишкен" бир туугандай жакын элек. Бир үзүм нанды тең бөлүшүп жеп, чүкө ойноп, топоңдоп атка учкашып жүрөр элек. Үйлөнүп жашап жатканда, ортобузду аялзаты бөлүп кетти. Экөөбүз бири-бирибизди карагыс болгонбуз. Айкөлдүк кылбай, ачууга жеңдирип, азгырыкка кирдик. Кечиришпей, көк беттик, куру намыс сезимибизди бийлеп турганда, ажал сени арабыздан сууруп кетти.

"Пендечилик" - деп, сенин акыркы сапарга узактуу батаңа келгендер мени кучактап жатышты. Ооба, биз "пендечилик" кылган экенбиз. Бул жашоодогу бири-бирибиздин баркыбызды ажал келгенде гана түшүндүк окшойт, аттиң...

5. Томас

Мезгил өттү арадан. Сен экөөбүз жолугууга туура келип калды. Экөөбүз эки жерде, эки бирдей үй-бүлөнүн очогубуз. Кездешүүдөн коркуп, сени көрүүдөн чочуп турдум. Балким... Ай, ким билет! "Чачы саксайып, сакалы өсүп, кейпи кеткен кийим кийип, "суусундук" издеп жаланган бирөөнү жолуктурбасам экен", - деп тилендим. Телефондон үнүңдү укканда жүрөк опкоожуп, бир нерсеге уйгу-туйгу болуп кеттим.

Кезиктик. Маңдайымда тагдырдын татаал жолунда кагылып-согулган, жашы кыркка чукулдап калган жөнөкөй адам турду. Бир кезде өзүнүн баасын билип, эшикти тээп кирип-чыгып, эки колду чөнтөккө салып сыланган, мурдун көтөргөн, кербезденген, шайырдыгы бар жигит элең. Көпчүлүккө таанымал болчусуң. "Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигт төө минет", - деген тагдырдын тамашасы ушул белем. Кызматыңдан ажырап, акырындап ичимдикке ооп кирип кеткениңди, балким, убагында сезбей калгандырсың. "Эртеңден баштап токтотоюн", - деген куру убаданы өзүңө-өзүң күндө берип, балаңдан артык көргөн эки бети салаңдап, мурду теңирейген ырайы суук итиңди жетелеп, ит базарга жөнөйсүң. Томас сага акча таап берет тура. "Алтыным ий, жаным ий" деп итиңди койнуңа алып жатып, бети-башын жалап-жуктайсың. Сенин дөбөтүң кыйын мушташып, табышкериң экен. Итиңе карата туура эмес сүйлөгөн кишини жактырбай, акшыя карайсың. Томас тапкан акчаны "Штайнбройго" жумшап, күндөлүк турмушту өткөрүп жатыпсың. Кербездигиң калып, элпек болуп калыпсың. Ичимдик үчүн кошомат кылганга даяр экенсиң. Кийим-кечегиң орду менен, үстү-башың баягыдай таза. "Ушундай жашоодон тажадым. Жалгыздыктан корком. Кеч кирип келатканда түпөйүл боло баштайм. Эшик-терезелерди бекитип, жаздыктын астына бычак коюп, жуурканга башымды катып, калтырап жатам. Уулумду эстеп ыйлайм. Аялымдын алдына чөгөлөп баргандан намыстанам. Тамак жасап берчи. Мен аял затынын колунан жасалган тамакты абдан сагындым", - дедиң. Муздаткычыңды ачтым. Итиңдин жармасынан башка жегидей эч нерсе жок экен. Дүкөндөн керектүүлөрдү алып келдик. Томас үчөөбүз тамактандык. Сенин ушул абалыңды көрүп кейип турдум. Башым ооруп кетти. Көрбөй деле койсом болмок экен. Сен менин жүрөгүмдө таза, бийик адам болуп жашап келгенсиң.

6. Турна аваз

Кечээ гана келип кеткен эле. Бүгүн күз кайрадан сыртта өз өкүмүн сүрүп жатат. Бак-дарактардын кооз көйнөктөрүн тентек шамал сыйрып, айрымдары жылаңач калыптыр. Тээ бийик асманда куштар сап-сап болуп тизилип, кайдадыр шаңдуу сызышат. Алар шаңдуу. Былтыр бул убакта мен да шаңдуу элем. Жаратылыштын ар бир көрүнүшүнө жылмайып карачумун. Ал күнү да куштар тизилип асманда учуп өткөн. Бүгүнкү учкан куштарды көргөндө "Аттиң, менин асыл адамым жанымда болуп, ушуну көрсөчү!" - деп ичимден сыздым.

Түшүмө көп киресиң. Кийгениң аппак көйнөк, кара галстук тагынып, үстүңдө кара костюм-шым. Сыныңдан такыр жазбайсың. Саал тармалдашкан чачың сеңселип, дайыма таралуу. "Балабыз колукту алып келгени жатат", - деп үйдөгүлөр күйпөлөктөп, тойдун алегинде. Сен машинеңди айдап келип, эшиктин алдына токтотосуң. "Келин келди! Келин келди!" - деп шашабыз. Кинонун пленкасы "чарт" үзүлгөндөй, түш ушул жерден токтойт.

Үйлөнгөнүңө бир жума не толуп, не толбоду. - Апа, бүгүн канчасы? Кирип-чыгып апаңдан ушинтип сурай берипсиң. - Балам, эмне мынча сурадың? Бүгүн жыйырма тогузу.

Күткөнүң ушул күн беле? Ичтеги сырыңды неге айтпадың. Ачык, шайыр мүнөздүү элең, ал күндөрдө неге унчукпас болдуң? Неге?

Эртеден бери жылбай турган машинаңды короодон күүгүмдө айдап кеттиң. Жаныңда жолдошторуң көп эле. Ошол түн мага бөтөнчө коркунучтуу болду. Бешиктеги ымыркай дагы чочуп ойгонуп жатты. Мемиреп, бир сырды жашыргандай, ошол таң дагы башкача атты. Үйдө адам көп болсо дагы, бири-бирибизге унчукпайбыз. Ар кимиси санаалуу. Жүрөк - сезгич. Туйгандай бир нерсени. Эртең менен жигулинин ордуна "тез жардам" машинасы келди. "Апаке! Ак никелүү төшөгүндө алты күн гана жатпадымбы!" - деп боздоп-сыздап жаңы алган жарың: "Кулунум", - деп кара кийген энең, бир туугандарың калышты. Болуп жаткан окуяга түшүнбөй эки уулуң элейе карашат.

Алгачкы жарың Мариянын, эки уулдун энеси Элмиранын, атаң Талгатбектин өлүмү жүрөгүңдүн үшүн алып, катуу коркконсуңбу, акыркы көргөн түшүңдү бизге айтпай коюпсуң. Ал түшүңдө өзүңдүн күмбөзүңдү, сүрөтүңдү, өлгөн числоңду даана көрүпсүң. Бир жолку түшүңдө атаң сени атка учкаштырып кетиптир. Эмне үчүн ушуларды бизге айтпадың? Элдик уламышарга караганда Ажалды деле адаштырышка болот экен да?

Күн артынан күн, ай артынан ай өткөн сайын жогуң билинип келет. Сен жоксуң. Шайыр күлкүң угулбайт. Үйдү толтуруп тамашалап сүйлөбөйсүң. Кара кыймаланган сүрөтүң гана дубалда үнсүз тиктейт. "Папамдын машинасы бар болчу, талкаланып калган", - дейт Адилетиң. "Папам жумушка кеткен", - төрт жаштагы Канметиң ушинтет. Мен Кыдырдын баласымын. Экөөнүн көздөрү муңайым, сагынычка баткандай. "Куйдай Таалам ушуларды бергенине каниет кылалы" деп чоң энеси жыттап олтурат.

Үйдөгү балдардан удаалаш төртөөбүз чогуу ойночубуз. Сырдашчубуз. Көңүлүңө жакпаганын шарт айтчусуң. Чагылган сымал тийчүсүң. Бир аздан кийин: "Ой ата десе!" - деп күлүп-жайнап келчүсүң. Кайрадан оюнубуз башталчу. Артисттерди туураганды жакшы көрчүбүз. Бирибиз Төлөгөн, бирибиз Бекежан болчубуз. Кыз Жибегибиз да бар болчу. Төлөгөндүн жаанын огу тийип өлүп бара жатканын: "Кайран казагым!" - деп сүйлөп, шалак жыгыланын туураганың али көз алдымда. Эмне үчүн туурадык экен? Антип ойногонуң жашоодо дал келип, ээн талаада жаш өмүрүң кыйылып каларын наристе сезим кайдан билсин! Өзүң дагы Төлөгөнгө окшош, кер мурут, бакыраң көз, кырдач мурун сулуу жигит эмес белең?!

Омар Хаямдын ырларын жатка окуганды жакшы көрчүсүң. Аманбаевдин "Соң-Көл баянын" жакшы ырдачусуң. Сен ошону ырдап жатканда, эмнегедир Соң-Көлдү бойлоп бараткан ак көйнөкчөн Марияны элестетип, көзүмө жаш келе калчу. Үнүң кайгылуу чыгып, сөздөрүн так айтып, ырды жүрөккө жеткире аткарчусуң. Азыр бул ырды уксам, сени эстейм.

Кайрадан күз. "Соң-Көл баяны" жаңырат. Көктөгү каркыра-турна үн салып, сапарды карытат. Бир гана өзүң жок, бир тууганым!

7. Асыл энем

"Жарык дүйнө жашоо берген энекем..." бул саптардын аягын угууга чамам жетпейт. Кудуретим жок. Алты саным аман турса дагы алсызмын. Жан дүйнөмдө алаамат болуп, куурулуп кетем. Согушта жүрүп контузия алган адамдан жаманмын. Өзүмдү-өзүм жек көрүп, жанымдан аша кечким келет. Убайым жеп жүрөмүн. Күндүзү оюмда, түндөсү түшүмдөсүң. Кулагыма үнүң жаңырат: "Садагаң кетейиним".

Сен мага жашоо бердиң. Ал эми менчи?

Мен сага... эмне бердим?

Кичинекеймде эшекти минсем деп эңседим. Эшектүү кылдыңар. Кудуңдап эшекке жеткениме сүйүнүп: "Апаке, мен чоңойсом, сени эшегиме учкаштырып алып айылчылайбыз. Фрунзени көрсөтүп келемин", - дечүмүн. Эр жетсем деле ошол эшекти минип жүрө берчүдөй ойлосом керек. "Тилегиңен айланайын. Кудай аманчылык берсе, жетесиң". Ошону айткан оозуман өпкөнсүң. Көз алдыма экөөбүздүн шаардын көчөлөрүндө эшкчен кетип баратканыбыз тартылчу. Кудай тилекти берди. Эр жетип, окууну бүтүп, шаарда иштеп-жашап калдым. Чет элдик маркадагы автомашиналуу болдум. Жеңил машиналарды байпактай гана алмаштырдым. Ошолордон мага эмнегедир аппак мазда жагып турду. Алмаштыргым келбейт. Кызык көрүнөт. Оюма сен келдиң. Сени менен көлгө барууну чечтим. Адатыңча жалынасың: "Эшек менен шаар "кыдыртканың" эсиңдеби?" - деп күлдүң. Ооругангабы, өңүң кубарып, бетиңдеги бырыш мурдагыдан да көп көрүнүп, карегиңдин нуру качкан. Сени аяп турдум. Карып кетипсиң. Бала түйшүгү оңой эмес тура. Өзүм бала бакканда билгем. Сенчи. Он бирдин энеси болдуң. Баатыр энесиң. Чындыгы Баатырсың. Энекебайым!

Жолдо ката экөөбүз узун жомок куруп келаттык. Бала чагымдан кабар бересиң: тилим кандай чыккан, бутумдун баскканын, эмне тамакты жакшы көрчүмүн.Сен жокто:

"Атаңдын көйү дүнүйө,

Апам кетип үйүнө,

Жол каядым күнүгө",

-- деп ырдап, артынан ыйлап калчу экенмин уңулдап. Күлүп калдык.

Чокусу көк тиреген Боом капчыгайында бараттык. Бурулуштан чыга бердик эле...

Реанимациядан көзүмдү ачтым. Капчыгайдан КаМАЗ менен сүзүшүптүрбүз. Сен тарапка катуу сокку келген экен. Боомдо сенин жаның учуптур. Сенден айрылыппыз. Өзүмдү жек көрдүм. Сага машинам экөөбүз ажал тартууладык. Энеке, мени сен кечиресиң дагы, өзүмдү өзүм кечире албайм. Балким, энелик жүрөк менен сенин арбагың: "Кудайдын буйругу ушул экен, балам!!" - деп, үстүмдө көпөлөктөй, чарк айланып, кудайдын каарынан сактап тургандыр. Өзүңдүн жаның кыйлып жатканда дагы: "Баламды сактай көр!" - деп мени өлүмдөн арачалагандырсың.

"...Алдыңа ажал келип турса дагы,

Мен үчүн жанды курман кылаар эле..." Бул ыр сага арналгандай, Асыл Энем!

Үч тагдыр
1. "Чачың кандай, апаке..."



Кетирген жаңылыштым бүткүл өмүрүмдө түгөнгүс арман, турмушума чабылган балта болорун алдын-ала билген көзү ачык болсом, мен эч качан андай күнөө жасамак эмесмин. Жаңылгандан жаштыгымдын деми менен убактылуу гана өтүп жаткан күндүн камын көрбөдүмбү. Жууп кетиргис күнөөмдү эми сезип олтурбаймынбы! Ыңаалаган ымыркайдын үнүн уксам, жанымды коерго жер таппай кетем. Арадан он эки жыл өтсө дагы, менин наристемдин элеси көз алдыма ошол бойдон тартылат.

Атай менен жаңы жылдык балда тааныштым. Көптөгөн кыз-жигиттин арасында ошол кечте экөөбүз бирге бийлеп, жанаша олтуруп, бири-бирибизге жакын болдук. Жасалган столдо шампан ичип жатып Атай менин кулагыма шыбырады: "Гулия, "жаңы жылды ким менен бирге тоссоң, жыл аягына чейин аны менен бирге болосуң", - деген ырым бар экен. Мүмкүн, сен экөөбүз ушул жылы бою бирге болоорбуз?"

Ал кечтеги бал мен үчүн жакшы маанайда өттү.

Атай өзүнүн теңтуштары менен биздин бөлмөгө келип жүрдү. Бир жолку келгенинде, ал мени жактырып калганын айтты. Атайдын сунушу мени көпкө чейин ойлондурду. "Кызым, мени багам деп жүрүп, жашың да өтүп баратат. Ылайыктуу бирөө туш келип калса, багың ачылсын!" - деген апамдын сөзүн эстедим. Жалгыз кызы болгондуктан, атам өлгөндөн кийин төшөктөгү оорулуу апамды багып, үч жылы үйдө олтурган элем. Оорусунан айыккандан кийин апам мени өз ыраазычылыгы менен шаарга окууга узаткан.

Узун бойлуу, ак саргыл келген таластык жигиттин турпаты, келбети мага жаккан эле. "Менин көптөн бери күткөн аруу махабатымды, жан дүйнөмдү арнап, бакыт үйүнүн босогосун жетелешип аттай турган адамым ушул Атай го", - деп ойлодум. Ички дүйнөсүн, адамкерчилигин терең изилдей албасам дагы, Атайдын мага болгон сүйүүсүн кабыл алдым. Дискотека, туулган күн, майрамдардан куру калбай, ээрчишип ойноп-күлүп, жаштыктын доорун сүрүп жүрдүк. Аз убакыттан кийин мен өзүмдүн жакында эне болоорумду сезип калдым. Үйлөнүү тою, бешик той, бака-шака, күлкүлөр... ушундай таттуу кыялдар менин башымды тумандатты. Кубанычымды Атайга айтсам: "Шашпай турчу, сессиябыз бүтсүн", - деп көңүл жубатты. Менин акыбалымды уккандан кийин эмнегедир Атай мага азыраак каттап калды. Ал башка институтта окуур эле, ошонодуктан: "Экзаменге байланыштуу келе албай жатам", - деген сөзүнө ишенип жүрдүм. Мезгилдер алмашып, менин жашыруун сырым билинип калды. Мени тааныган студенттер арасында күбүр-шыбыр көбөйдү. "Наристелүү болсом ачыкка чыгарбыз", - деп кыйынчылыкка чыдадым. Көз жара турган убактым келип жетти. Жаз күндөрдүн биринде мен кыздуу болдум. Кызым Атайга союп каптагандай окшош экен. Ысмын Мээрим койдум. Топураган группалаштарым колунда болгонун көтөрүп келишип, студенттик бешик той өткөрдүк. Улам бири көтөрүп кетип, кээси сабактан калып жүрүшүп, кыздар баламды багууга, менин окуума жардам беришти. Мээримге эки ай толгон кезде айылдан таэжем келип мени тилдеп: "Закондуу никең болмоюнча эжем сенин жүзүңдү карабайт, бизди уяткардың", - деп апама барууга мага тыюу салды. Таэжемдин койгон талабын, түштүк элинин салтын Атайга айттым. Ал бир жумадан кийин мага келди да, биз үйлөнгөнчөктү баланы эжеси багып турарын билдирди. Мен көпкө чейин каршы болуп, акыры анын шартына көндүм. Үч күнү жол жүргөндөн кийин, Атайдын эжеси жашаган шаарга келдик. Эжесинин бизди салкын кабыл алышы, жездеси менен Атайдын өздөрүнчө бөлүнүп сүйлөшкөнү менде күнөмдүү ойлорду туудурду. Кызым менен коштошуу мага абдан кыйынга турса дагы, убакыт ченелүү эле, көзүмдөн жашымды чубуртуп, өмүрүмдө биринчи ирээт көргөн "кайын эжелерге" таштап, окуума жөнөдүм. Атай экөөбүз жолду ката көп деле сүйлөшкөн жокпуз. Түн ортосунда түшүмдөн чочуп ойгонуп, жанымда Мээримдин жок экенин көргөндө ичим туз куйгандай ачышып, жүрүп бара жаткан поездден секирип түшүп кайра артка, ымыркайыма сызгым келип жатты. Эне жүрөгү сезгич болот деген чын белем, кызымды таштаганыма каттуу өкүндүм.

Жатаканага келгенден кийин, Атайдын мамилеси мага кескин өзгөрдү. Мурдагысындай келбей калды, эми аны Гүлайдын бөлмөсүнөн чыкканын көрүп калдым. Гүлай жашы боюнча менден кичүү айылдашым эле. Ал мени эже деп, биздин бөлмөгө көп келчү. Алыс жерде экөөбүз эже-сиңди болуп, мен анын кем-карчына жардам берчүмүн. Атайдын бул мамилесине мен чыдай алган жокмун, болуп жаткан окуяны түшүндүрүүсүн өтүндүм. "Гулия, мени кечирип кой! Сени менен болгон жолугушуу менин жаңылыштыгым экен. Аны эми сезип олтурам, чыныгы сүйүгө сенден кийин кезиктим. Сага чындыкты айтайын, кызды берген үй жездемдики эмес, досумдуку болучу. Баладан үмүтүңдү үзө бер..." Ушул сөздөрдү эптеп чыдап уктум, акырында Атайды жаака бир чаап алып комнатама чуркадым. Шашкан бойдон керектүүлөрүмдү алып темир жол вокзалына жөнөдүм. Эртерээк кызыма жетсем экенмин деп ак эткенден так этип тилеп жаттым. Эңсеген жериме түн ортосунда жеттим. "Кайын эженин" үйүнө келип эшигин такылдаттым. "Жарым түндө жүргөн ким бул?" - деп жактырбаган уйкулуу көзү менен боюнда бар келин чыкты. Мен келген себебимди түшүндүрдүм. Келин өзүнүн беш баласы бар экенин, Атайды бир гана жолу көргөнүн, ымыркайды балдар үйүнө алып кетишкенин айтты. Башымдан ылдый муздак суу куйгандай дене боюм дүркүрөп кетти. Келиндин жөлөөсү менен үйүнө кирип, ыйлап жатып таңды атырдым. Эртеси борбордогу ымыркайлар үйүнө барып сураштырып жүрүп эч дайынын биле албадым, андай бала алып келишкен жок деген жоопту угуп, келген жагыма кайттым.

Күндөр өтүп жатты. Кайгыдан өңүм азды, түн уйкум качты, кыздар кайрат айтып, көңүлүмдү жубатышат, алаксытышат. Кулагыма алдейимдин ыңаалаган үнү жаңырып, алда нерседен жапа чегип, менден жардам күткөндөй, элсиз жерде калгандай сезилет. Көз алдыма баягы төшөктө оролуп жаткан чагы, эмчек издеп оозун ачып, упчуну чопулдатып соргону элестейт. Көзүмдөн жаш, көкүрөгүмдөн сүт диркиреп куюлат. Кыз атым менен бала төрөп жаман атты болгонума жараша эрдик кылып перзентимди бөпөлөп асырап ала албай, аталык милдетин аткарбай качып жүргөн Атайдын алдоосуна көнүп жоготуп жибергеним үчүн өзүмдү-өзүм жек көрдүм. Атайга бир эмес, эки жолу алдандым, ушунчалык алсыз, жардамсыз, жалгыз болгонума абдан өкүнүп, арманда болдум. Мээримди жоготкондон бери, ал менин көзүмө адам кейпин кийген жаналгычтай көрүнүп калды.

Жатаканада Гулай менен Атайдын тою болду. Атайга деген мурдагы сезимдер кызым мене кошо кеткенби, жүрөгүмдүн бир да жери "тыз" деп койбоду.

Он эки жаз өттү. Мен кызымдын өлүү же тирүү экенин билбейм. Көчөгө чыксам, балдардын арасынан издейм. Бийик мунарага чыгып алып "Мээрим!" - деп кыйкыргым келет. Эгер тирүү болсо, кандай ата-эне багып алды экен? Атын өзгөрттү да. Өңү кандай болду экен? Баким, бул келаткан кызга окшоштур... Кийген кийими бүтүн, ичкен ашы жетиштүү бекен?

Сансыз ойлор көңүлүмдү ээлейт. Суроолорума өзүм ар түркүн жооп издейм. Менин суроо-жообум, күтүүм, изденүүм өмүр бою бүтпөйт го... Жашоодо кызым Мээрим канча жашка чыкса да, анын элеси мен үчүн ыңаалаган ымыркай бойдон калды.

"Чачың кандай апаке, узунбу же кыскабы?...

Неге сенин жүрөгүң мени төрөп муздады?..."

Бул ырды Мээримим ырдап жаткандай туюлат мага.

2. "Апакебай, жылытчы...>

Жасмин көзүнүн жашын көл кылып туруп берди. Ыйлагандан башка анын колунан эч нерсе келген жок.

- Оо, көзүңө ак түшкүр! Уялбай дагы ыйлап коет. "Кыз боозуп - энесин коркутат", - дейт. Э, айланайын кудай, ушунун кылыгын мен эмне үчүн байкабадым экен? Агаң укса эми менин кактабай канымды ичет. Бүтүндөй элге шерменде болбойбузбу, ээ, кокуй! Чоңдор укса эмне дейт? Айылчы Султановичтики укса... андан көрө өлүп кал! Өлүп кал! - деп жеңеси Калый какылдап-какшап тилдеп жатты. - Канча болду ичиңе?

Жасмин унчукпады.

- Мелтейбей сүйлө! Агаң уга электе бир балакет кылалы. Сага эле жакшылык каалап жатам, ыя, канча айлык алдагың?

- Беш.

- Беч деп коет. Ошо "беч" айдан бери мага эмне унчукпайсың? Ээ, айланайын кудай, ушул кең Ак-Талаадан бир эркек табылбай калгансып, кайдагы бир тентиреген томолой оштукту ээрчигениң эмнең?

- Сиз ал жөнүндө жаман сөз айтпаңыз. Мен аны сүйөм, - Кыз көзүнүн жашын сүртүп жатып ушуну айтты. - Томолой болсо, ал кудайдын маңдайга жазганы. Мен да томолоймун, Кайрат экөөбүздүн тагдырыбыз бирдей экен. Ошон үчү мен аны сүйдүм.

- Кечирип кой, Жаку. Сен менин оюмду түшүнчү, - деп Калый жумшара түштү. Кайын сиңдисинин таалуу жерине тийгизе сүйлөгөнүн сезе калды. - Азыркы закондо сүйүү экинчи планда турат. Илгери деле: "Катын албай, кайын ал", - дешкен бабаларыбыз. Агаңдын иштесе иши, акча десе акчасы, мансап десе мансабы бар. Сени каадасы менен, жадырап-жайнап жыргай турган, бутак-тамыры жайылган жерге берели, келечеги жакшы болсун деген эле оюбуз. Айылчы Султановичтей кайнаталуу болсоң жыргайсың. Машинадан түшпөй жүрүп гана өтөсүң. Ошко барсаң ошондо билерсиң баркыбызды. Таң заардан туруп эшик шыпырып, ак-укалап ары-бери өткөндө тоңколоңдоп жүгүнүп, каткан ширедей болуп, тамеки, пахтага чыгып, тандырга нан жаба албай, башыңдан бери камыр болгондо, какылдаган Калый көзүңдөн учар. Аш десең аш, акча десең акча турат, оюндан калбай барасың. Айтчы деги, эмнеден кем кылдык? Ошко барганда акчасы жок, тамагы жок, эриңдин ботиңкесин жейсиңби? Үйү деле жок болуш керек...

- Жетишет, жеңе! Кайратты көп эле кордой бербеңиз.Тирүүдөн түңүлбө дейт, - Жасмин эшикти көздөй басты. - Сөзүңдөн жадап кеттим.

- Аа, байкуш. Агаң укса жадаганыңды көрөт элем. Болуптур, эртеңкиге чейин ойлонойлу, калган сөздү ошондо сүйлөшөбүз, - деп Калый кухняга кирип кетти.

Жасмин медучилищени бүтүп, Бишкектен келгенине бир жылча убакыт болгон. Келгенден бери дале агасынын колунда. Мектепте окуп жүргөндө да ушул үйдө тарбияланган. Атасы Жасмин кичинекейинде эле каза болгон экен, энеси кийинчерээк оорудан өлүптүр. Жасмин эки гана бир тууган, ошондуктан жеңеси: "Сенин тагдырыңды биз чечебиз", - деп жатпайбы. Окууда жүргөндө дагы, кайын сиңдисинин жигиттер менен сүйлөшүүсүнө тыюу салган. "Окууңду бүтсөң жигит сага машинасын минип өзү келет", - деп. Акыркы экзаменин берген күнү эле Калый кызды Бишкекке бир күн тургузбай, үйдү көздөй алып жөнөгөн: "Сандалган бирөө Таласка же жердин түбүнө алакачып кетсе эмне кылат?" Жумушка орношкондон кийин, Жасмин Кайрат менен таанышкан. Жигит таякесиникинде турат экен. Оштон келиптир. Кайрат дагы ата-энесинен эрте айрылып, таэжесинин колунда өсүптүр. Бул жакка келгенде ооруп калып ооруканага жатат. Жасмин ошол бөлүмдө медсестра болуп жаңы иштей баштаган. Бети аппак, денеси назик, халаты менен чепчигин кийгенде, көлдөгү сүзүп жүргөн ак кууга окшошуп калат экен. Кайрат бул кызды биринчи көргөндө эле жактырды. Табиятынан жоош, адамга зыяны жок, көңүл калтырбаган кара тору жигитке Жасмин дагы көз кырын салып, анда-санда тамаша сөз ыргытып жүрдү. Экөөнүн тааныштыгы ушинтип башталды. Кайрат ооруканадан чыккандан кийин, ынак болуп кетишти, акыры ал мамиле сүйүүгө айланды. Жигити жөнүндө оюн кимге айтмак, сырдашууга же эже-сиңдиси болбосо, кеңеш сурайын десе энеси жок, жеңеси менен агасы Айылчы Султановичтиндин баласы деп эле суусап жатышса. Кайрат жөнүндө укса Калый жеңеси чок баскандай секирбейби! "Тең теңи менен, тезек кабы менен", - дейт, Айылчынын акчаны самандай чачкан, көпкөлөң тарткан Жорасы ата-энеси жок Жасминди теңсинмек беле. Же ортодо сүйүү болбосо, анан дагы тигинин ырайы суук, кыздан тогуз жаш улуу. Ошол кишиге кантип тиймек эле. Бул жанагы Калыйдын чыгарганы. Ошончолук эле Айылчынын үйүн эңсеп атса, өзү тийип албайбы! "Жетим өз киндигин өзү кесет", - дейт, Жасмин дагы өз тагдырын өзү чечүүгө тийиш. Өмүр бою өкүнбөс үчүн, өз теңин өзү табат. "Мага Кайраттан артык эр кайда". Жасминдин чечими ушундай болгон. Андан бери зымырап айлар өтүп кетти. Эми ичиндегиси билинип отурат.

Калыйдын чыгарбаганы жок, таң атканча уктабай чыкканбы, эртең менен эрте Жасминди тургузуп, Чаектеги өзүнүн эжесиникине салып жиберди. Издеп келген Кайратка: "Бул үйдө андай кыз жашабайт", - деп кыска гана жооп берип, эшикти "тарс" жаап алды. Айылчы Султановичтин аялына: "Жасмин шаарда жүрүп, бир ичеги болуп калыптыр, кымыз ичип келсин деп жайлоого жибердик", - деген шылтоону айтты. Мектептен келе жаткан Жасминдин бөбөгүнөн Кайрат анын дайынын сурамжылады. Ал эжесинин Жумгалга кеткенин, апасы кыздын көптө келээрин айтканын божурады. Атүгүл адресинен бери жазып берди.

Кайрат Жасминдин капысынан эч дайынын билгизбей жоголгонуна таң калган жок, мунун артында бир сыр жатканын сезип калды. Кичинесинен кагылып-согулуп, турмуштун ачуу-таттусун көрүп чоңойгон жигит Калыйдын мамилеси ага карата урулган биринчи соккусу экенин айттырбай түшүндү. Жасмин бир жолу ага-жеңесинин ниетин кеп кылган эле, анда Кайрат унчукпай, ичинен гана ойлонуп калган. Кечээ гана колунда тургансыган бакыт кушу тоскоолдукка чалынган тура. Эмнеси болсо да ошол бактысы үчүн ал күрөшүүгө тийиш. Эч токтолбостон Кайрат таякесинин мотоциклин минип, кеч кирип калганына карабай жолго чыкты.

Айлакер Калый Жасминди Жорага кондуруу максатында бир топ иштерди жасап жиберди. Бир чемодан баалуу көйнөк-көчөк, шакеги менен алтын сөйкө, чет элдик сапожка, акыркы модадагы "лама" пальто, деги, мурда жетиштүү кийинсе дагы, мындай белектерди көргөндө Жасминдин башы айлана түштү. "Ии, көрдүңбү, Кайрат сага ушуларды таап бере алат беле? Шашпа-а, эми буюрса мерседесте чалкалайсың, андан көрө Жора аман болсун!" - Кыздын кайсынын кармаарын билбей алактаганы Калыйдын чырагына май тамызды. "Болду! Кыз даяр. Эми мобул ичиндеги балакеттен кутулуу керек". Чаектеги Калыйдын эжелери дагы сөөлөттүү немелер экен, Жасминди сейилдетип волга менен алып чыгышты. Мындай шаан-шөкөт кызга жагып калды, өзүн жомокто жүргөндөй сезет, ичиндегисин эстей калганда гана жүрөгү "тыз" дей түшөт, Кайраты болсо алыстан-алыстан бүдөмүк көрүнүп, бөтөн адам боло түштү. "Акчаң болсо жашооң жыргал болот турбайбы. Меймандар, жасалгаланган стол, босогодон төргө чейин төшөлгөн килем, былкылдаган дивандар, көздүн жоосун алган стенка... Корооңдо жалтылдаган машина.Кайратта буга жумшай турган акча кайда? Жорада баары бар. Мурда мындай алтыным жок эле..." Жасмин сөйкөлөрүн кармалап жатып ушуларды ойлоду.

Сураштырып жүрүп Кайрат Жасмин турган үйдү тапты. Жасмин Кайратты көрүп көпкө селейип туруп, анан мойнуна асылды. Жолугушуу узакка деле созулган жок, экөөнүн ортосунда муздак, көзгө көрүнбөгөн тор тартылып тургансыды. Ошко кетүү жөнүндөгү сунуша Жасмин мындай деп жооп берди: "Агамдан башка таянарым жок болсо, жалгыз кыз болсом, ал жактан мага ким каралашат. Эгер Ошко кетсең, топурагыңды түйүп беребиз деп жеңем тилдеп жатат".

- Демек сен экөөбүз баш кошо албайт турбайбызбы?

Кайраттын суроосу жоопсуз калды.

- Балабызчы? Ал эмне болот?

- Төрөлгөндө көрөбүз да, - Жасмин башын шылкыйтты.

- Аз убакыттын ичинде ушунчалык өзгүптүрсүң, Жасмин. Сага эмне болду? Мен сени көргөн көзүмө ишене албай турам. Кандай пландарды түздүк элек? Анын баары утопия турбайбы.

- Кечирип кой, Кайрат. Мен өзүмдүн тагдырыма ээ боло албадым.

- Болуптур, качан төрөйсүң? Баламды бир көрүүгө уруксат берсең, келейин. Мүмкүнчүлүк болсо өзүм багып алам.

- Үч айдан кийин келсең болот.

Кайрат Жасминдин алдында өзүнүн бошоңдугун көрсөткүсү келген жок, көкүрөктө кыйнаган ызаасын жутуп жатты. "Болуптур, кайыр кош!" - деп жүрүп кетти. Ой-тилеги бир жакын адамдарынан бирөөнү көрсө азыр ыйлап жиберет беле. "Алдыңа кетейин ай, таалайыңа кудайым ушул күндү жазган экен, не кылабыз. Кайраттуу бол, эч качан чүнчүбө, өзүңдү өзүң көтөрмөлөй жүр!" (Чоң атасынын бир тууган эжеси, кемпир болучу) айткандары кулагына жаңырып, ушул сөздөрдү ал өзүнө таяныч кылып бара жатты.

Экөөнүн бирикпесин эми сездиби, Жасмин: "Кайрат!" - деп кыйкырып жиберди. Сагынып күткөн Кайрат алыстап кетти, укпайт, эми келбейт. Ал таарынды. Таарыныч эми жазылбайт Жасмин эмне кылды? Кайратты сагынып, жаздыкка далай жолу жашын төкпөдү беле? Ал өзүн-өзү тилдеп жатты. Көз алдында кекирейген куник Жоранын элеси тартыла түштү. Жасмин жаңылганын сезип, өкүнүчкө бата ыйлап жатты.

Жасмин аман-эсен көз жарып, ооруканадан чыгып келди. Бала менен алек болуп, эртеден кечке чейин убакыттын өткөнү деле билинбейт экен. Ымыркайдын төрөлүшү бул чөйрөдө кайдыгер гана кабыл алынды. Калыйдын эжеси болсо: "Никесиз бала", - деп жийиркендей. Жасминдин кантсе да биринчи кубанычы эмеспи, ымыркайды сүйүп караган ушул энеси гана. Кайратты ойлогондо жүрөгү "тыз" деп көзүнө жаш келе түшөт.

Балканактай болгон эркек бала. Атасына окшош. Болпоюп жоош, курсагы тойсо үйдө жаш бала бар экени деле билинбейт.

Кайрат кеткенден бери үч ай түгүл, сегиз ай өттү. Дайны билинбейт. Кубанычын бөлүшүүгө Жасмин ак эткенден так этет. Мына, бала беш айга толуп, олтуруп калды. Энесин көргөндө күлөт, үн салат, сүйлөшкөн болот.

Ушул күндөрдө Ак-Талаадан Калый келип калды. Адеп дасторконго олтурганда эле сөзү бузулуп, жыландын башын соймоңдотуп жатты. Какылдап сүйлөп жаткан жеңеси Жасминдин көзүнө жаман көрүндү.

- Сен эми жашсың. Эмитен бала кучактап азап тартып эмне кыласың? Же "эй, балам" деген немең кайрылып келбесе. Өз баласына кайрылбаган ошону көрдүм, каапыр! Баланы мага бер, таэжемдин баласы жок эле, ошол багып алсын. Сен аман болсоң, дагы эле төрөп аласың.

- Кантип берем, жеңе, баламды өзүм эле багам.

- Ий, кызыке, мени баякы айткан сөздөрүм эмдигиче мээңе жете элекпи? Элге-журтка шерменде болбойбузбу? Дагы жакшы чоочун элде сенин ким экениңди билишпейт. Ак-Талаага эри жок тууп алдым деп мактанып бала кучактап барасыңбы? Сен агаңды ойло...

- Жетишет, жеңе. Түшүндүм. Бул жолу да жеңеси тарапта болду. Эртеси Калый айдатып келген машинасы менен баланы алып жөнөдү. Жасмин көз жашын төгүп кала берди.

Калый Жасминди таэжеме берем деп алдап койгон. Көптөн бери Калый Гуля аттуу келинди сыртынан байкап, Жасминдин баласын ушуга берсемби деп ойлоп жүргөн. Калыйдын ою орундаган жок. Гулянын күйөөсү жок, чоңоюп калган бир эркек баласы бар эле. "Баланы багып алат элем, беш айга чейин бакса, кийин энеси кыска ойлоп, эмгегим текке кетип, бала чоңойгондо менден сууруп кетсе, мен кантем", - деп жооп берген Гуля Калыйга.

"Албаганда кайда барат эле", - деген Калый март айынын түнүндө баланы Гулянын эшигинин алдына таштап кетти Шашып жатып Калый чагарактагы кулпуну байкаган жок. Үйдө киши жок эле, жөн гана жарыгы күйүп турган. Одеялдагы бала эч нерседен бейкапар уктап жатты. Эртең менен гана Гуляга жумуштап келген кошунасы Батыш ороодогу түбөлүк уктап жаткан беш айлык баланы таап алды.

3. Кээр

Чоң жолдун кесилишинде олбурлуу, узун бойлуу өспүрүм бою кичинекей, арык баланы сабап жатты. "Оо, энеңди урайын, мунун арызданганын кара, мына сага! Мына сага!" Өйдө болуп келатканда улам ичке тепкилеп, кокуйлатты. "Э, ботом, ай, муну өлтүрөсүңбү? Бул эмне кылганың?" Көрүп туруп, чыдабай кеттиби, ары жактан Мундузкан эне чуркап келди. Кемпирди угуп, чоң бала басып кетти. - Тур, тура гой, ичегиңди эзип салды го, олчогой буту менен. Кудайды карап урсачы. Эмне күнөөң бар эле? Мундузкан эне тигинин кийимин күүп жатып сурады? - Колумдагы токочту жулуп алганынан, артынан куусам, мени урган. Анан эжеге айтып койсом, жолдон тосуп алып мени тепкиледи. Ый аралаш бала ушуну айтты. - Эжеңе айтпай, апаңа айт, үйүндөгүлөргө барсын. Өлүгүңдү көрөйүн, курама темир курч болот деген ушул да. Бир кезде муну багаарга киши жок, түрткүнчүк болду эле, эми минтип чоңоюп диңкилдеп калганда эле билинбей калат тура, - Мундузкан кемпир тагдырын, мезгилин...

Минавар шаардын бир дүкөнүндө сатуучу болуп иштөөчү. Күндөрдүн биринде капысынан ревизия келип калып, дүкөндүн акчасына тогуз жүз рубль жетпей калды. Ал убакта тогуз жүз рубль өтө көп акча эле. Мурунку текшерүүдө дагы беш жүз сом жетпей калып, эжелери жапкан. Эми эмне кылат? "Эки айдын ичинде төгүңүз", - деп текшерүүчүлөр дагы убакыт беришти. Минавар төртүнчү күйөөсү менен жашап жаткан. Боюнда бар, ай күнүнө да жакындаганда дүкөнүн өткөрүп берди.

Келин шаардагы төрөт үйүнө жатып калды. Балканактай болгон уул төрөдү. Салмагы дагы ырас, эмчекти дагы жакшы эмет, ден соолугу жайында. Минаварга үйүнөн деле киши келбейт. Келин тааныган бир чоңдун аялы гана күндө бир келип кетет.

Уулун колуна алып, муздак гана тиктейт жаш эне. Эрди калбайып, кабак-башы атасындай. Эмнегедир Сабыржан менен убактылуу гана жашоочудай сезилчү келинге. Экөөнүн ортосунда сүйүү деле жок эле. Мынакей, жаш үй-бүлөнүн ортосундагы данакери дагы төрөлдү. Мындан аркы жашоо кандай болот? Ай, уланып деле кетпейт го! Сабыржанга Минавар капысынан чыгып калган. Эптеп баш калкалоого жай табыш керек болучу, айылга барса, ата-энесинин үстүндө эрден чыккан кыздын жүрүшү деле кыйын экен. Мүнөзү да башкалардыкындай жугумдуу эмес. Ар кимге тарк-турк бир тийет. Көпчүлүктү сүйбөйт. Кыскасы, Минавар турмушта өз ордун таба албай жүргөн.

Антип-минтип доктурдан чыга турган учур да келип калды. Сабыржан сүйүнүп, балага ороо-чулгоо комплектисин көтөрүп келиптир. "Болчу, уулумду көрсөтчү? Жок дегенде терезеден көрсөтүп койсоң боло!" - Минавардын көзүн карап алактайт. "Бизди бүгүн чыгарбай калды, баланы көрсөтө албайм. Ден-соолугу начар дейт" - келинчеги муздак унчукту. Сабыржандын шаабайы сууй түштү да, үйгө кетти. Ооруканадан түшкө маал Минаварды ак волга минген, кычыраган айым чыгарып кетти. "Ушундай туякты төрөгөнүң үчүн" - деп Минавардын колуна келишим боюнча көздүү чоң алтын шакек салды. Андай шакек 350 рубль турат дүкөндө. Чак түштө Сабыржандын эшигинин алдында ак волга токтоп, Минаварды түшүрүп кетти.

Наристемди көрөм деп, бактылуу болгон ата боорунда кучактаган баласы жок, оозунан ичимдик буркураган Минаварды көрүп, чочуп кетти.

- Ии, чыгардыбы? Бала кана? - Сабыржан суроо салды.

- Бала чарчап калыптыр, - бурк этти келин.

- Минаш, Минаш, эмне үчүн биздин балабыз чарчайт? - Сабыржан келинчегин кучактап алып буркурап жиберди. - Кечээ эле жакшы турат дебедиң беле? Эмнеси ооруйт экен? Күтүп олтурган Сабыржандын көңүл-оту суу сепкендей жалпи өчтү.

Кеч күз. Бөлмөдө капачылык, муздак маанай өкүм сүрүп турду. Сабыржан чын дилинен кайгырып, эркек болсо да көзүнөн жаш чубуруп олтурду.

"Мен балага ысым тандап олтурбадым беле! Эх, ажал! Ушул тырмактай баланы жөн эле койбойсуңбу?!" Минаварчы? Минавар жеңил ойлуулугунанбы, энелик түйшүктү көрүүгө али даяр эмес эле. Үй-бүлө деген түшүнүккө кайдыгер карачу. "Балаңды кайын энеме же өз энеме берип коюп, иштейм. Жаш болсок баланын эмне кереги бар" - деген сөздөрдү айтчу.

Бул бөлмөдөгү тунжуроо канчага созулмак? Ким билсин. Чай ичип олтургандардын көңүлүн үйгө кирип келген врач менен медсестра, милициялар болду.

- Бала кана, Минавар? - врач кирип келери менен сурады.

- ... - келин унчукпады.

- Бала өлүп калды дебедиңби? - Сабыржан врачка суроолуу карады.

- Балаң өлсө, өлүгүн ороп беребиз. Сен эмне сөөгүн сурабайсың? Күйөө ушундай жоопту укту.

- Сенин балаңды ким алып кетти, Минавар? Ал аял кимиң болот? - милиционер сөзгө кошулду. - Бизде эне менен баланын укуктары кандай билесиңби?

- Бала кана? Ушул жерде кантип чыдап олтурасың? Сен кандай энесиң? - врач үстү-үстүнө суроо жаадырды.

Сабыржан аялына жетип барып, жулкулдатып жиберди:

- Бала кана, энениңди урайын? Келиндин көзүнөн жаш чыкты. - Эмне үчүн бала өлүп калды деп калп айтасың?

- Кийин! Мен сенин балаңды колуңа тапшырышым керек, - врач буйрук берди.

Ымыркай Минавардын колуна тийгенден кийин, төркүнүнө кетти. Сабыржан кайын энесин чакыртып, колуктусун жолуна салган. Төбө чачты тик тургуза турган бул окуядан кийин, эки жаштын бир түтүн булатып жашоосу мүмкүн эмес эле. Сабыржандын чечими ушундай болду.

Минавар менен ак волга минген айымдын "соодалашып" жатканы ошол төрөт үйүнүн санитаркасы угуп калбаса, Сабыржандын баласы бир чоңдун эркеси болот беле, ким билет. Үч жүз элүү рублдик алтын шакекке сатылган Минавардын уулу азыркы айткан Мундузкан кемпир айткан "курама темир" эле.

"Ындыкара"

Нарбек Бекишев айылда тракторист болуп иштейт. Союз убагында сегизинчини бүтөөрү менен кесиптик-техникалык училищага кирип, трактористтин окуусун окуган. Ырас эле окуп алыптыр, ушул кезде далдырап бош жүрмөк экен. Азыр бирикмеде бир трактордун ээси ушул жигит. "Накке, мунумду ташып берчи", "Наке, тигинимди ташып берчи", - деп жалдырашат.

Нарбекти кээде Кемчонтой деп коюшат, ал кличка мектептен эле жабышкан. Ал баскан-турганынан, сүйлөгөн сөзүнөн өөн чыгарып, адам күлөөрлүк жосундарды жасачу. Нарбектин жанында олтурган кыз экөө бир күнү уруша кетип, тиги: "Кемчонтой", - деп кыйкырып жиберген. Класстын ичи кыраа-каткы күлкү. Ошондон бери аты Кемчонтой.

Армияга бара жатканда дагы Нарбек балдарга чоң күлкү болду. Жолдо бир станциядан поезд токтоду. Жанындагылар Нарбекти май токочко жиберишти. Беш рублдин канчасына алаарын айта албай турса анын алдындагы кыз орус аялга: "На все", - деп элүү тыйын сунат. Аны туурап Нарбек дагы сатуучуга беш сомун "на все" жөнөттү. Мына сага, купеге жүз май токоч көтөрүп алып келсе болобу Нарбек. Төрт бала эки күнү пирожки жеп, далайга күлүп, анекдот кылышкан.

Аскерден Нарбек мөлтүрөп, супсулуу жигит болуп келди. Көздөрү капкара бакыракай, кирпиктери ийилген, мурду коңкойгон, бою узун, денеси чымыр, өңү кара-тору. Кадимки Индиянын киносундагы актерлордун эле өзү, индустарга окшош. Кээде төмөнкү кошунасы тамашалап "Эй, ындыкара!" - деп койчу.

Айылга келгенден кийин эки-үч ай өттү. Баягы мөлтүрөгөн Нарбек жок, чачы үксүйүп өскөн, көйнөгүнүн жакасы кирдеген, бутунда өтүк, эртеден кечке айдаганы трактор, колу карала май.

* * *

Нарбектин жашоосу жакшы эле өтүп жаткан, уулдуу болду. Аялы оор баштуу, көп сүйлөбөгөн келин. Эртеден кечке баласы менен алек болот, тамак-аш жасайт. Күндөрдүн биринде Нарбектин бир жолдошу туулган күнүнө чакырып калды. Отуруш ортолоп калган кезде, балдар менен кызып калган Нарбек картадан чырлап уруша кетти.

- Эй, катын, бас кеттик! - деп корсулдады ал.

- Эмне үчүн кетебиз? - эшиктин алдында келиндер менен сүйлөшүп турган аялы таң калды.

- Кеттик дедим, кеттик. Этин өздөрү жей берсин, - деди ал, аялына тигиле карап. - Сен эмне Ырысбектин жытын жыттап олтурасың? Энеңди урайын, чеч костюмун! Муну кара!

Кечки желге чыйрыккан келин, үй ээсинин костюмун үстүнө жаап алган. Аялынын үстүндөгү көк костюмду чечип ыргытты.

- Кемчонтой, койсоңчу, эй! Кетпесеңчи! Таалай менен урушсаң бизге да таарынасыңбы? - деди кызымтал болгон бирөө.

- Бас! - аялын алдына салып алып дегдеңдеген бойдон кетип калды.

Үйүнө жеткен кезде бир нерсени эстей калгансып туруп, анан аялына:

- Бар, сен эми эле Ырысбектин жытын жыттап олтургансың, кет ошол Ырысбегиңе! - деп, үйгө киргени жаткан колуктусун төшкө түртүп, эшикти илип алды. Эртең менен турса башы оруп калыптыр. Суюк тамак ичкиси келип, дасторконду карап, мискейди аңтарса, тамак түгүл таш-балакет да жок. Муздак суудан куркурата ичип алды. Катын-баласы көрүнбөйт, адегенде эшикке чыкканбы деп ойлогон, түндөкүнү далайда барып эстеди. Кошунасыныкына чуркап барды, бул убакта келинчеги коңшу айылга, төркүнүнө, кетип калган. "Мейли, энеңди урайын, кетмектен кете берсин. Катын деген картөшкөдөн көп, кыз деген кызылчадан көп. Эртең эле чекесинен чертип аламын. Керек болсо Самарбайдын кызын жетелеп келем!" - деди гаражда тамеки чегип төрт-беш жигит менен олтуруп. "Кой собр жасап, Чонтойго көңүл айталы! Аялы кетип арманы иттин башындай болуп турган экен" - дешти бир-экөө. Заматта акча деле чогулду, арак деле даяр болду. Тележканын астында олтуруп алып "мүрөктүн суусун" ичишти. Чонтой бир маалда балбактап чыга калды: "Бу жарыктык арак дегениң "май көтөн" болот. Бирди түгөттүңбү, артынан дагы бирөөнү жетелей келет. Ал түгөнсө, башкасын чакырат. Кана мобул бөтөлкөнү көрөйүнчү". Ал бөтөлкөнү үңүлүп туруп, "Эй, тур, бирөөң аракка барып келгиле", - дейт. Улам ичип жатып мас болуп калыптыр. Ошол кезде жанына Самарбай басып келет. "Оо, менин будуший кайнатам келди. Бул менин кайнатам болот. Арактан куйгула", - деп Самарбайды кучактап, бетинен өпкүлөйт. Андан аркысын эстей албайт. Самарбай улгайып калган адам. Үйүндө күйөөдөн чыгып келген кызы бар. Анысы төрт кызын ээрчите келген. Гараждагы "көңүл айтуу" тез эле айылга тарап кетти. "Самарбай кайнатаң", - деп тракторист балдар Чонтойду тамаша кылышты. Күзгө маал болучу. Турдубайдын энеси каза болду. Мүрзө казгандардын арасына Кемчонтойду да бөлүштү. Түштө берки үчөө тамак ичип бүткөндөн кийин, эс алып алалычы деп тоонун түбүнө жатып алышкан. Чонтой өзү жалгыз мүрзөнүн казанагын казып жаткан. Тегереги ным тарткан топурак жыттанып турат. Ар кайсыны ойлонуп, көзүн алаңдатып, эки кулагын түрүп араң олтурган. Бир маалда дабыш чыкты. Коркуп кеткен жигит жанын оозуна тиштеп, келме келтирип, үн чыккан жакты карады. Мүрзөөнүн оозунан "биссимилдасын" айтып, боюн токтотуп, кол салган бирөө болсо чабайын деп кетменин камдап, тиги саксайган башты жакшылап карады. Шайтанбы деп да ойлоду. "Өх, садагаң кетейин, кудай! Көрөөр күнүм бар экен, э!" - деп алды ичинен. Аксыйган Самарбайдын кызы экен. Чонтойдун буту калчылдап чыгыптыр. Араң жылып оозго келди.

- Иш илгери болсун! Кел, тартып алайын, - деди саксагай оозун жыйбай, саргарган тиштерин көрсөтүп. Күчтүү экен, чын эле жигитти тартып алды. Сыртка чыккандан кийин гана Кемчонтой тилге келди:

- Таш оозуңа! Мүрзөдө иш илгери деп айтпайт. Сен... сен эмне жүрөсүң бул жакта?

- Сага келгем. Папама айтыпсың го? Чакырып жатат дегенинен келдим, - деди бир аз уялгансып.

- Чакырса сен ушул мүрзөгө келесиңби?

- Үйүңө барсам жок экенсиң. Аялың жок жүдөп жатсаң керек. Качан келейин? - үстү-башы топурак болгон Кемчонтойго камкор көз караш менен карады.

- Ой, келбей эле кой! Мен сени чакырган эмесмин. Мас болуп калыпмын. Аялым менен ажырашкан жокмун. Ал эртең келем деген. Бар, кете гой, - деп Самарбайдын кызын кетиргенче шашты. Кишилер кемпирдин жайын казып бүткөнү калышкан. Кечке маал Самарбай өзү келди.

- Салоом алейкум, туугандар? - деди да, Кемчонтойду карап - Ээ, баатыр, сен кызымды эмне таарынттың?

- Эмне деп таарынтыптырмын?

- Кызыңызды мага бериңиз деп жалдырабадың беле? Сен эмне аны шакаба чегесиң? - Самарбай үнүн маанилүү чыгарды.

- Ээ, аксакал, өзүңүз билесиз, балам бар колукту бар. Мен кызыңызды ала албайм, - деп Кемчонтой көзүн алаңдатты.

- Менби? Мен сени керек болсо сотко берем. Алмадай башыңды жулам... Кызымды сабады деп сотко берем. Азырчы... - Самарбай күпүлдөп от ала баштады.

Ортого беркилерден бирөө түштү:

- Саке, Саке, ачууңузду бизге бериңиз. Мүрзөнүн арасынан урушпаңыздар. Арбактардын тынчын албайлы, Саке?

- Саке! Кечирип коюңуз. Жүрүңүз жай сүлөшөлү, - деп дагы бирөө колтуктай чай ичкен жерине ээрчитип барды. Дасторкондогу бөтөлкөнү көргөндө Самарбайдын көңүлү жайланып, жоошуй түштү. Эркектер тегерете олтурушуп, алдыларындагы стакандарды бирден көңтөргөндөн кийин Кемчонтой мындай деди:

- Саке, менин өткөндөгү айткандарым үчүн кечирип коюңуз. Мен мас болуп калыпмын.

- Мүрзөнүн арасынан урушпа деп мага тыюу саласыңар. Арбактарга жакпаган аракты ичип, силер менден жаман күнөө кылыптырсыңар. Ата-бабалардын арбагы мага эмес, силерге нааразы болот.

- Саке! Саке! Ооз басырык дайындайлы. Жан киши укпасын, оозуңдан чыгара көрбө. Жан дегениң таттуу экен, чарчаганда уурттай коюп жатабыз, - деди узун бойлуу киши.

- Мунуң эсепке кирбейт, Чонтой. Менин алдыма түшө турган болдуң. Болбосо мен түз эле милийсага барам. Муну оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук.

- Макул, макул алдыңызга түшөйүн. Эртең энеке жайына коюлгандан кийин, гараждан жолугалы, - деди. Бөтөлкөнүн аягына чыгышып, алдап-солдоп Кемчонтойлор Самарбайды жолго салышты. Эртеси Самарбайга үч бөтөлкө арак, бир козу берип кутулду. Ошондон кийин жалынып-жалбарып олтуруп Кемчонтой келинчегин алып келген.

- Өх, Самарбайдын бетин өпкөнүм үчүн бир козу бердим. Кызына мүрзөдөн эмес, парктан жолугуп бетин өпсөм, биротоло үйлөнүп, же бээ жетелетип, же түрмөгө кетмек окшойм. Кудайдын ушунусуна шүгүр, "родной аялым" келип, багым ачылбадыбы, - деп тобо кылды да, өтүгүн кийип, күндөгүдөй гаражга бет алды.

сүт акы

Кечээтен бери Жумаалынын үйүндө опур-топур, кыйкырык-өкүрүк, ызы-чуу болуп, ар кайсы жактан атчан, машина айдаганы, жөөсү келип, суу ташыган балдар, кирген-чыккан көп. Үч боз үй тигилип, өлүк тушуна килем тартылган. Үйдүн сыртында үч уулу, күйөө балдары "атакелеп" өкүрүп, кара жамынган аялынын жанында кыздары, жакындары туруп, маркумду жоктоп жатышты. "Ырыстуу адам экен Жумаалы, минтип балдары чуркурап, кудаа-сөөгү келип калдайып, бутак-тамыры жайылган тура. Ыйлаарга кишиси жоктор деле толуп жатпайбы", - деп шыпшынып, берээкте олтурган чүкөдөй кемпир жанындагысына шыбырады. "Кантсин, бечара, оорусунун азабын тартпадыбы. Ошентсе деле балдарынын сый-урматын көрөөрдө, дөөлөт күтүп, төрдө отураар маалында минтип узап кетпедиби. Ээ, ботом, Токтосун энебиз көрүнбөйт го, ал кайда?" Чүкөдөй кемпир сүйлөшүп отурганына башын жакындатып: "Ал энебиздин көргөн күнү курусун, башка күнү сүйлөшөбүз", - деди.

* * *

Согуш жылдары. 1943-жылдын ызгаардуу кышы. Тамак-аш оокат, кийим кечек тартыш кез. Бир-эки сыйрадан эле кийим бар элде. Дан дээрлик эч кимде жок. Катык-аш сарамжалдаган адамдарда болгону бир аяктан, баштыгынын белинен буудай. Кичинеден жаргылчакка тартып, талкан кылып, аны карандай сууга катыктап ичишет. Эртеден кечке көргөндөрү ушул. Малдууларда аз-аздан сүт болот. Чогулткан сары майын, колундагы этин жебестен фронттогуларга посылка жөнөтүшөт. Кийимден, тамактан кем болушпай эптеп жоону жеңип келишсе экен деген тилек да. Токтосундун кызы бир айдан бери оору. Күйөөсү Кумаш согушта. Ал аскерге кеткенден бери кайын агасынын үйүндө. Тылдагы элге баш-көз болсун деп, кампаны да ушул кишиге тапшырышкан. Кайын агасынын үй-бүлөсү - айылдагылардын оокаттуусу. Анткени менен үйдө бүлө көп. Тууган туушкандар мындайда чогуу болбосо болобу? Туугандыгы кайсы? Эл ичинде ынтымак бар эмеспи.

Кумаштан бир гана жолу кат келген. "Белоруссияда кетип баратабыз", - деп жазыптыр. Ошондон бери кат-кабар жок. Же өлүүсү, же тирүүсү белгисиз. Балким, немистерге туткунга түшүп калгандыр. Почточу Саматты келин кайтарганы-кайтарган. Жолдун аркы өйүзүнөн көрүп калса да тосуп чуркап чыгат. "Кат жок", - деген гана жооп угат. Жалгыз кызы Шайыр дагы минтип кара тумоо менен ооруп калды. Кайын агасы экөөнүн алты күндөн бери тикирейип тиктегени ушул кыз. Жанынан алыс кетишпейт. Төшөк дагы жетишсиз. Бир сыйра кийими менен бурчтагы тердиктин үстүнө саман төшөп, жаткырып коюшкан. Көздөрү чүңүрөйүп, өңү купкуу, үнү араң гана кыңылдап чыгат. Абысыны Күлүмкан кыздан үмүтүн үзүп койду. "Мунуңар мал болбойт". Анда Токтосун көзүнүн жашын төгүп буркурайт. "Жалгызымды да мага кудай ыраа көрбөй жатабы? Салмоорумду алып кеткени аз болуп турабы?"

"Токен, кой айланайын. Күн мурунтан жаман жорукту баштаба. Буйруктуу бала болсо айыгып кетээр.Тамырынын согушу дурус, балаң мал болот", - ушинтип кайын агасы көңүлүн улайт.

Айткандай эле Шайыр бир нече күндөн кийин оңолуп кетти. Жылдар өтүп, согуш аяктады. Жоону жеңип, аскерлер үйүнө кайтышты. Кумаш үйүнө келмек турсун, келген кара кагазы же каты жок, үмүттөрү үзүлгөн соң, төрт-беш жылдан кийин туугандары чогулуп, өлдү деген чечимге келип, кара ашын берип, куран окутушту.

Күйөөсүнөн калганда Токтосун 22 жашта болчу. Жалгыз Шайырды чоңойтуу анын максаты эле. "Же кара кагаз келбесе... өлдү деп эле чечим чыгарып коюшту го. Мүмкүн туткунга түшүп, бошоно албай жүргөндүр. Балким, чыккынчы болуп кеттиби, жаны кыйналганда кээ бири ошентет тура.Жок! Жок! Кантип эле ошентсин. Ал антмек эмес." Бир чекитти тиктеп, келин отура берчү кээде. Узун бойлуу, кең далылуу, кирпиктери узун, көзү бакыракай капкара, мурду кырдач, эрди калың татынакай жигит эле Кумаш. Мүнөзү токтоо болучу. Ал Токтосундун экинчи күйөөсү эле. Биринчи никелешкен эри Кумаштын бир тууган агасы - Турсунбай. Андан татынакай уулдуу болгон. Анысы 5 айга толгон кезде чарчап калган. Турсунбай менен Токтосун көпкө жашаган жок, төрт жылдан кийин оорудан каза тапкан күйөөсү. "Жакшы бүлөбүздү бербейбиз", - деген кайын агасы Кумаштын колуктусун төрөбөйт деп, төркүнүнө салып берип, кайын инисине жеңесин алып берип коюшкан. Кумаш деле унчукпай, агасына баш ийип олтуруп калган. Экөө бири-бирин жактырып, ынтымактуу турмуш башталган. Ал кубаныч деле көпкө созулбады. Соолгон согуш Кумашты соруп кетпедиби! Ал күндөрдү бир көргөн жомоктой эле элестет Токтосун.

Шайыры чоңоюп, бойго жетти. Кашы-көзү капкара, кара чачтуу атасына окшогон кыз болду. Көз караштарын байкаганда энесинин ичи "тыз" дей түшөт. Суналтып, чачты бир өрүп туруп, соорусуна таштап коет. "Апа, азыркы коммунизмдин кадыр-барктуу кызматкери - кассир менен бухгалтер, акча эсептеп эле олтура бересиң дейт. Мен ошону окуйм". Ак эткенден так этип жүрүп, ушул "коммунизмдин кассири" болду кызы. Окууда жүргөндө таанышкан Жумаалы деген жигитке турмушка чыкты. Элпек, сыйчыл, мүнөзү токтоо жигит экен күйөө бала. Кайын энесинин кашында турганда ашыкча сөз сүйлөбөйт. Эмне, элдикиндей төрүндө олтуруп чайын ичип, жумшаган уулу болбогондон кийин, пенсияга чыкканда караганы кызы болду Токтосундун. Айылдагы там-тарагын таштап, шаарга көчүп кетти. Күйөө баланын үстүнө кирди. Табиятынан шайдоот кыймылдап, тазалыкка көнгөн кемпир, күйөө балага да жакты. Үйдү мизилдете кармап, баардык оокатын жасап, кечкиге тамагын даярдаганга жетишет. Кызы дагы алты баланы удаа төрөп алды. Шайыр өзү эртеден кечке чейин кызматта. Колу такыр бошобойт. Убакыт учкан куштай зымырап өтүп кетти. Токтосундун кызы эми өзүндөй болду. Бозо салып, эт бышырып, ийик ийрип жүрүп, камкор эне сексен жаштан ашып кетиптир.

- Таене, где мои носки? - Саксаңдаган он сегиздеги кыз төркү үйдөн кыйкырат.

- Аркы ишпанердин акыркы болкесинен кара.

- Таене, подай мне кусок хлеба, - Бултуңдап эт чайнап жаткан бала ашканага чакырат.

- Азыр, Сарыкем, азыр, - деп кемпир бөкчөңдөп, ашканага баш багат.

- Дура, таене! Сен мени сары дебе, менин атым Азат. Понятно! - деп чукчулуңдап небереси тиштенет.

- Аха - хай! - Шайыр уулунун жоругуна ыраазы боло ашканага кирип келди:

- Сары дегенге арданып жатасыңбы, балам? Ай, дура таенеси, антпей жүр!

Кемпир дагы "дурасын" таназар албай, небересинин кылыгына ыраазы.

Балдардын баары чоңоюп, үйлөнгөн уулдары бөлүнүп кетишти. Бүт эле Бишкекке качышат. Шаардын эмнеси кызык, мында деле даяр нан, жармасын ичип жүрө беришпейби? Келиндери дагы орустай болгон немелер, чачтары мултуйган. "Чо?" - деп эле кыйкырыша беришет. "Чо? Чо? - эле дейсиң, ал эмнең?" - десе: "Таене, прямо бесите!" - деп каткырышат. Үйдө оокат, килем, идиш-аяк толтура. Верандасынын кире беришине чейин килем. Оокат жасап жүрүп, жалгыз калганда, тээ алыста калган айылды, абысын-ажындарын эстеп коет кемпир.

Апийим талаада иштеп жүрүп: "Ээ, Шаку, сен күйөөгө кетсең, себиңе эмне берели?" - деп келиндер секелек кызга суроо узатышат.

- Менин себиме тиги кара такый менен апамы бергиле, - деп жооп берсе, талаа каткырыкка толот.

- Такый отун ташыйт, апам күйөөм экөөбүзгө тамак жасап берет.

- Тилегиңен айланайын, тилегиңен. Ооба, тамак жасап берем. Себине өзүм кошо кетем, - олтура калып Токтосун сүйлөп жаткан алты жашар кызынын бетинен жыттап алат. "Жаштын тилегин берет", - деп минтип энеси үйүндө олтурбайбы. Андагы абысындардын бири жок, баары "аркы жакта". Жакын сырдашы Калипа болчу. Экөө бирге жүрүп, кыялданып, бири-бирине ичтеги сырларын айтышып, жеңилденип калышчу. Ынтымактуу болушчу. Эч качан бири-биринин айыбын чукушчу эмес. Азыркы келиндер антишпейт.

Эңкейе басып, этегин полго сүйрөлтүп, эне адатынча ашканада жумуш жасап жүргөн. Күйөө баласы Жумаалы эки жылдан бери ооруп, жаз-күз ооруканада болуп калды. Бул жолу жакшы боло албай, үйгө чыгып келген. Баягы курсагы чыгып, эки бети болтойгон олбурлуу кожоюн жок, жаак сөөктөрү чыгып, эти шылынып, кийимдери шалбыраган, узун арык киши болгон. Өңү купкуу. Чурулдакты сүйбөйт, көрөйүн деп келген кишилерди жактырбайт, төркү үйгө кирип кетет. Радио-телевизорлорду өчүрүп салат, катуурак үн угулса, кадимкидей кыжынат. Тамакты тандап ичет, айранды жактырат.

Шайыр үйдө болчу. Энеси экөө бир чоң челек менен бозо салышкан. Ошол бозодон кичине эле жерге таамп кетиптир, басып баратып эне "тарак" этип тайгаланып, тигил челекке түшүп калса боло! Жер жайнаган бозо. "Э, кокуй, Шайыр, өлдүм!" - кемпир кызын чакырып кыйкырды.

- Дура, жезкемпир! Что ты натворила! - деп бөлмөгө тиштенген небереси кирип келип, тура албай олтурган таэнесин колдон тартып веранданы көздөй түртүп жиберди.

- Сүйрөлбөй олтур да бир жерге! Темселеп эмне кылып жүрөсүң биякта?

- Ай, сен эмне түртөсүң мени? Э,Шайыр, мобул балаң эмне дейт? - ыза болгон эненин үнү буулду.

- Эмне болуп жатасыңар? - деп эшиктен Шайыр кирди, - Ии, бозону ким төктү?

- Вот она, твоя дура! Жөн олтур дебейсиңби? - Азат энесине арызданды. - Сокуруңду кухняга киргизбе да!

Кабагын түйгөн Жумаалы келип, унчукпай карап турду.

- Сокур болсом аны кудай кылды, - кемпирдин үнү аянычтуу чыгып, кимдир бирөөдөн жардам күтүп жалооругандай алсыз угулду. - Жашабагыр, чечек! Сен мага ушинтип сүйлөчү болдуңбу? - бозого малынган кийимин кармалап тура берди.

- Сүйлөнбөй, жоголчу нары! - деп небереси таэнесин дагы түрттү.

- Түртпө, энеге кол көтөргөн, наадан! Колуңа шал... - Кемпирди андан ары сүйлөтпөй Азат көзгө бир койду.

- Азат, ал эмнең? - Шайыр баласына баратты эле, Жумаалы билектен алып токтотту. Төгүлүп жаткан бозону көрсөтүп:

- Мобул эмне? Сүйрөлгөн жез кемпирди жогот! Көзүм көрбөсүн. Мен жакында өлөм, өлөм. Бул желмогуздун жакында өлө турган түрү жок. Мен өлгөнчө өз жерине кетсин, менин чыгыма кол салбасын! Кара ашыма тойбосун. Жогот! От алып жинденип келе жаткан Жумаалыны жетелеп уктоочу бөлмөгө кирип кетти Шайыр.

- Макул, макул, Жумаке, жүрү эс алалы.

- Шайыр, сенин көзүңдү чукуш керек экен. Сениби. Энең экөөңдү жоготуш керек болуп калды. Жарма ачыткы сурап кирип келе жаткан Жүзүмкан кемпир эртеден бери ушул окуянын күбөсү болуп, тепкичте турду. Таенесин ары-бери сүйрөп уруп жаткан Азат да, эрин тынчтандырып, бөлмөсүнө кийирип кеткен Шайыр да байкаган жок. Кошунанын чыдамы жетпей, акыры кирип барды:

- Ээ, кокуй, Сарыке, эмне болуп жатасыңар? Ай, кемпирди өлтүрөсүңбү, бул эмнең?!

- Өзү жинге тийип жатпайбы, карганып... Бозону төгүп салды. - Кухняны жаңсап койду да. - Дура, ненормальная! - деп күңгүрөнүп бир нерселерди сүйлөнүп эки колду чөнтөккө салып, эшикке чыгып кетти бала.

Полдо бүрүшүп, неберенин тепкисинен бетин калкалап, жоолугу шыпырылып, ак баскан ичке, эки өрүм чачы саксайган эне эчкирип ыйлап олтурду. Жүзүмкандын үнүн угуп, ого бетер солуктап, кимге арманын, кайгысын айтаарын билбей өпкө-өпкөсүнө батпады. Аттиң, кор болгон карылык, жок дегенде кайгы-муңун, ызасын тең бөлүшкөн абысыны Калипа жанында болсо эмне?

- Кара күн, таэнесине кол көтөргөнү эмнеси? - кемпирдин жанына басып келип ылдый олтурду.

- Эне, эмне болдуңуз?

- Мен куруюн, - бозо жыттанган эненин оозуна башка келбей ыйлап олтурду. Ошол күндөн бери Токтосун энеге дүйнө алакандай тарыды. Бүк түшүп, наар албайт. Үшкүрүнүп жатканы жаткан. Карандай чай ичкен болот.

- Ошол тентек балага теңелесиңби, апа? Унчукпай эле бөлмөңө кирип кетсең болмок. Жаш баланы шал тий деп каргап жатсаң анан, Жумаалынын жини келбейби? - Шайырдан уккан кеби ушул болду. "Ээ жараткан, кайсыл зыяным, кайсыл күнөөм үчүн күйөө бала мага жанагыл сөздөрүн айтты! Чыгына кол салганча өлүп калайын. Оо, кудай, менин жанымды азыр эле алып кет! Өзүмдүн Салмоорбегимди эле жайратпай турсаң эмне, жараткан! Күйөө балага кор кылбай, ошонун колунан өлбөйт белем. Чырактай болгон отуздагы, жыйырмадагы балдарды алганча, мени токсонго чыгарып томолонтпой алып кетсең боло! Топтой тепкиленгенче мен өлүп эле калсамчы! Бок-сийдигинен арылтып, чоңойткон неберелерим минтип кол салып олтурса, демек, бул тирүүчүлүктө мага орун жок турбайбы? Карыганда мени Шайыр кууп чыкты деп айылга барамбы? Кимге үйүңө киргизип кой деп жалдырайм? Менин Шайырдан көрөөр сыйым ушул беле? Эмне үчүн Шайыр баардыгына көз жумат? Бул дүйнөнүн жетимиш жылдан берки түйшүгүнүн баарын унутуп, эненин таттуу кыялдарын, көз ирмемдик жыргалы тээ алыскы Ат-Башыга кетти. Салкын аба, жапжашыл талаа, бадалдуу сай, керилген төр, ак чокулуу бийик тоолор. Ушул жерде эркин ойноп, балалыгын өткөргөн Токтосун эне балбылдаган ойноок кара көздүү, жебедей керилген каштуу, соорусунан ашкан кара чачын беш көкүл өрүп, үкүлүү топуну башына кондуруп, ак жибектен кош этек көйнөк, кызыл баркыттан саймалуу чыптама кийип, атасынын энчилеген күлүгүн минип жүрчү. Шайыр мүнөздүү, эрке өскөн Токтосун каткырып күлүп, ырдап, кыздарды чогултуп алып ойночу. Ат жарыштырганды жакшы көрөөр эле, себеби анын күлүгү биринчи келчү. "Көбөгөн ажынын жакшы кызы бар дейт", - дешип атын угуп, суктангандар келе беришчү, Токтосундун колун сурап. Атасы: "Эркем, меймандар келиптир", - десе: "Баягынын бири да", - деп шартылдап атына минип алып кетип калчу.

Күзгө маал, оркчулар эгин оро баштаган убагы эле. Тоодогу бетегелердин кунары качып, мал жаканы көздөй түшүп калган. Ажынын айылы жайыт которгону камынып жатышкан. Ошол күнү Нарындан меймандар келишти. Токтосун адатынча кетип калган жок. Келгендердин арасында жашы өзү менен чамалаш бир жигит бар экен. "Кызым, алыс кетпе. Булар Нарындан келишти, Дөөлөт ажынын керээзи боюнча сөйкө салган кызын алып кеткени келишиптир. Менин боюмда бар кезде атаң менен бел куда болушуп, калыңын беришкен. Ал кыз чарчап калып, андан үч жылдан кийин сен төрөлгөнсүң. Шарт боюнча ажыдан кол үзбөйбүз деп кайра сага сөйкө салганы келишиптир". Ушуларды энесинен укту кыз. Балдары токтобой жүрүп, атын Токтосун коюп ырымдашыптыр. Токтосундан улуу эки агасы бар эле. Бирөө Бекбосун тири карак бала, кийинкиси жоош, ажынын байбичесине окшош Бийболсун болчу. 16-жылкы үркүндө Кытайга алып бара жатканда Бийболсунга ок тийип, көмүлбөй калыптыр. Бекбосунду Кашкардан жоготуп жиберишкен, эл мекенине кайтып, тынчыгандан кийин, Совет убагында: "Тирүү экен, очор-бачар болуптур", - деген кабар угушкан.

Куда түшүп келгендердин арасындагы жаш жигит Токтосундун болочок күйөөсү Турсунбай болуп чыкты. Эки күндүн кийин Токтосун үчүн берилчү калыңын айдатып келип, шаан-шөкөт менен алып кетишкен. Абысындары Токтосунду тамашалап калышчу: "Бул оңой ургаачы эмес, эки кыздын калыңына келген ажынын эрке келини. Мунун күчү, баасы арзан эмес!" Башкалар суктанганы менен ажынын эрке кызынын тагдыры ушундай татаал болбодубу!

Жумаалынын сөөгү коюлду. Кеч кирип, өзгөлөр кетип, Шайырдын өз туугандары калды. Кеп кемпирдин мындан аркы тагдыры жөнүндө болду.

- Энебизди өз жерибизге алып кетебиз. Бир чүкөдөй кемпир багылбай калат беле? - деди көгала сакал абышка. - Жаман-жакшы айтышпайлы, Шайин, кемпирди жөнөт биз менен.

- Балдарым өлүп калсам, сөөгүмдү талашпагыла, - деген болду кемпир башын жерге салып. - Шайыр билсинчи.

- Апа, сени бербейм, мага намыс керек. Эл эмне дейт? Ушунча чыдап, өлөөрүңдө чыдабай калдыңбы?

- Эми кайдагы намыс? Намысты бир эле саатта жууп таштаса болот тура, - деп кемшеңдеп барып токтоду. Кетемин деп ачык айта албады эне. Шайырдын бербейм дегенин, эненин унчукпай, талашпагыла деген сөзүн уккан туугандары башка сөз айтышпады. Кандай чечим чыкканы дагы билинбеди. Шайырдын төркүндөрү эртеси күнү келген жагына кайтышты.

- Ай, эне, арызданбай. Сөөк коюлганча олтура турбайсыңбы? Кана кимиси сени "жүрө гой" деди? Мени гана шерменде кылдың элге. Төрүңдөн көрүң жакын, бүгүн өлөсүңбү, эртең өлөсүңбү, ким билет? Кайсыл балаң алып кетет? Батпаадай болуп өз кызың мага араң батып жатканда, алар сени бут аарчы кылбайбы! Ким сага өлө калсаң жылкысын чыгымдагысы келип жатыптыр? Элдин көзүнчө алып кете коебуз дегени менен тиякка барганда сени топтой томолотпойбу, сен көм, мен көм болуп.

Буулуккан Шайырды эненин токтот деген чаңырыгы "селт" эттирди.

- Сенин көзүңдү май басыптыр, Шайыр. Төркүндөрүмө сөз тийгизбегин. Алар сага караганда беш эсе жогору адам. Башка сөз айтпайын, мага кылганыңды балдарыңдан көрөөрсүң, кантейин!

Таң атканча кирпик какпай, ар нерсени ойго түшүргөн Токтосун эне демейдегиден тың турду. Муздак сууга чайынып, тазаланды. Тепейип олтуруп алып, бир баштан бардык көзү өткөн жакындарына куран окуду. Ар бирине куран багыштаган сайын элестери, качанкы сүйлөшкөндөрү, көз алдына, күнү бүгүнкүдөй тартылып, "аа, кургурум" деп коюп олтурду. Майрам күндөрү кийүүчү кийимдерин кийип алып басып баратты. Үзүлбөгөн, түрмөктөлгөн ой, канында кайнаган намыс энени күркүрөгөн Нарын дайрасына жетелеп келди. Октябрь айынын таңкы муздак жели кемпирди ичирткентти. Алкынып-жулкунуп, долуланып, кылымдардан бери далай өмүрдү чамындыча агызып, соруп кеткен дайра адатынча өз нугу менен агып жатты. Алыстан караган адамга чоң суунун жээгинде кемпир кумурскадай эле көрүнмөк.

Токтосун эненин качандыр бир кезде бул жашоодо болуп кеткендигин далилдегендей, дайра жээгиндеги таш аралаш кумда кепичинин жана оң колундагы таягынын издери калып жатты. Ал анын өмүрүндөгү акыркы издери эле. "Кайдагы намыс эми. Мени Көбөгөн ажынын тукуму дейт. Мындай кордукту эч качан көтөр ө албайм!" - деп күбүрөнүп, келме келтирип алды. "Табылбай калсам ушул жерге куран окушар", - деген ойдо, чоң жалтырак жолугун, колундагы таягын жэээке таштап койду. Дагы бир адам баласынын канын эңсеп тургандай, өжөрлөнгөн ташкылт түстөгү Нарын дайра кумурскадай кемпирди оп тартып алды. Суудан корккон эне көзүн бекем жумду.

...Көбөгөн ажынын энчилеген тулпарын минип, үлпүлдөгөн үкү тагынып, беш көкүлдүү, ак көйнөкчөн кыз Ат-Башынын жайлоосунда сызып баратты...

Пейилдин жоголушу

Нарын шаарына барчу трассанын сол капталында жалгыз аяк жол менен тору ат минген жетимиштен ашып калган чал жыйырмадай кой-эчки, козу-улагы менен, музоо ээрчиткен кара токол уюн айдап ойлуу баратты. Бүгүн эртең менен айылынан чыккан, Нарындын ары жагындагы Кең-Саз жайлоосундагы кайындарыныкын көздөп келатат.

"Атаңдын оозун урайындар, эми малсыз жашап көрүшсүн, эмне менен тамактанаар экен? Мага демектен бири-бирин жешсин!" - Кечээ күнү абышка уул-келини менен уруша кеткен.

- Эмне?

- Конок тосоюн, бир кой сое калалы?

- Эмне?

- Бир кой сата союп, кийим-кечек алалы?

- Эмне?

- Атыңды сатып, коммерция жасайлы. Келин-уулу каалашынча сойду, сатты, кийинди, ичинди, соода кылды, асты тоер эмес. Асты соода кылганы этеги узарган жок. Соода кылабыз деп Бишкекте жүрүштү. Кайра келишти. Нарындын базарында соода кылымыш болушту. "Эми тиги Россияга барышат имиш. Дымактарын көр! Акчасы болсо эле кете берсин, мага демектен Америкага жоголуп кетсин!" Абышка күбүрөнүп келатты. "Камерсия деген бир балакет чыкты. Акча менен деле ишибиз жок, эки сыйра кийим менен жөн эле оокат кылып жүрчү элек. Мен эшектей иштеп багып турайын, булар тапканымды чачып турушсун". Абышканын көңүлү артта калып жаткан кара кашка койго бурулду. Байкуш бутунан бирдеме болгон го, илгеркидей күчү болгондо эңип, өңөрүп алмак. Максүт кичинесинен эле малсаак болчу. Армияга барып келгенден кийин колхоздун малын бакты. Ошондон ушуга чейин мал менен алышып келе жатат. Байбичеси Айша менен элүү жылдан ашуун бирге жашап, эки уул көрүштү. Айша да өмүрүндө көп эле бала төрөдү. Улам бири токтобой, ымыркайында өлүп олтуруп, айласы кеткенде жаңы туулган наристесин эмчегин эмизбей, туугандарына берип ырымдап, аман калганы экөө болду. Улуусун жакын тууганы Ырыскелди биротоло багып алган. Кичүүсү Думананы эки жашка чыканда өздөрү колуна алышты.

Колхоз тараган кезде Максүттүн короо толгон кою, беш-алты жылкысы бар болчу. Коюнун бир тобу котур болуп, кыштан чыга албай, кырылып калды.

Колхоздун сакманчылары чал туралуу түрлүү аңгемелерди айтышчу. Бутундагы байпагы беш жеринен жамачы болуп, башына уйпаланган тумак, эскирген шым, өңү өчкөн, кирдеген шырымалды кийип, пресс жип менен белинен бекем бууп алган чарчы бойлуу, мурду учтуу, жаак сөөктөрү чыккан, кичине көздүү бул абышка бир кезде социалисттик мелдештин жеңүүчүсү болуп макталып, "Алиев Максүт - чемпион" деген вымпелди жеңип, башкаларга үлгү катары жүргөнүнө кимдир бирөөлөр ишенбейт эле.

Бир жылкы сакмал убагында Максүттүкүнө төрт бала келишет. Башка чабандар сакманчыларга ысык тамак беришет, жарма ичишет, сары майы бар дегендей. Максүттүкүндө чайдан башка эч нерсе жок. Ысык тамак ичкилери келип, кыялданып шилекейин жутушат. Же үйлөрүнө жибербейт. Бир күнү Максүт аялы экөөнүн эл жаткандан кийин тамак ичип жатканын байкап калышат. Эртеси күнү аңдышса, тамдын чердагына керогазга эт асып коюшуптур. Эт бышкан маалда балдар этин чыгарып жеп, ордуна көң салышат Ошондон кийин Айша казанын чердакка аспай, ордун которуптур.

Кымыздын убагында. Сапар деген жигит Максүттүкүнө кире калат. Үй ээси кымыздын жакшысын катып иччү. Сырттан чыккан дабышты уга калып, чоң сыр аяктагы кымызды тегерек столдун астына ката коет. Төргө олтурган Сапар ал-жай сурашып жатып бутун столдун астына сунуп, кеседеги кымызды жайната төгүп алыптыр. Ошондон кийин Максүттүн сараңдыгы элге тарап кетет.

Максүт Айшаны баш көтөрткөн жок. Көңүлүнө бир нерсе жакпай калса, сабап койчу. Коюн жайып коюп, бийик тоонун башына чыгып алып, турнабайы менен үйүн карап олтура берчү. Кокус үйүнө жакындаган атчан көрсө, ошол замат тоодон түшүп келе калчу. "Эй, катын, кечки тамакка бул жиликти, тиги сулп этти сал. Үчөөбүзгө жетет", - дечү Максүт кетип жатып. "Байым, тиги чоң үйдөгү акемдикин чакырбайлыбы?" - аялы акырын үн катат. "Ошол акең жеп эле жүрбөйбү. Сени канча жолу чакырып коюптур. Былтыр жээрденин этине чакырбадык беле, кечке эле чакыра бересиңби?!" - деп бакылдап коет үй ээси.

Убакыт өткөн сайын Айша деле көнүп, Максүттүн оюнан чыга албай калды. Ашык адамды сүйүшпөйт. Элге да барышпайт. Бою кичинекей, бир кулагы катуу, кара чачы согончогунан келген, ууртунда меңи бар, ак жүздүү Айшанын мүнөзү токтоо эле. Анын көзүнө көрүнүп, ээрчип жүргөн кишиси, башкача айтканда "илешкени", кыз кезинен бар болчу. Айша Максүткө он жети жашында келген. Тун кызын он сегизинде төрөгөн, анда кайын энеси бар болчу. Кыздын жарыкчылыкка келгенине эт бышымдай убакыт болгон. Эмиз деп койнуна салып берип, кемпирлер эшикке чыгып кетишкен. Аңгыча эшиктен баягы кишиси кирип келип, эмизип жаткан ымыркайды талашат. Байбичелер үйгө киришсе, Айша ээси ооп жатат, ымыркайы чарчап калган. "Ээ, кокуй келинди кара баскан турбайбы!" - кемпирлер алдастап куучуну чакырып келишти. Ажынын бир тууганы Доорон атаны куучу аташчу. Бирок кийинки төрөттөрүндө деле наристелери чарчап, келиндин "илешкени" калбай ээрчип жүрдү.

Думанага колукту алып бергени жашоо ырас эле өтүп жаткансыган. Уул-келининин оюна койду. Буудайын деле, коюн деле, унун деле сатышат, тим койсо, жылкынын деле түгөткүдөй. Келини дагы тың экен, тилинин узундугун айтпа, үй оокатка келгенде колунан жакшыраак иш бүтпөйт. Өзүнүн кийими бир жерде, баласынынкы бир жерде балбаалайт. Шыпыргынын колуна он күндө араң бир кармайт. Келини кайын энесин тоотуп койгон жок. Бир күнү Айша кир жууган самынды катып алды.

- Апа, кир жууган самын бериңиз.

- Самынды сатып алгыла, сага бергендей самынып жок, - кемпир кабагын бүркөй сүйлөдү.

- Кечээ эле эки бүтүн самын турбады беле? - деп келини дагы басып кетпей тирмийди.

- Ай, Седепкан, самын сатып келдиң беле? Жок дегенде жок да, сен эмне кемпирди соттой суракка аласың? - деп кайнене-келиндин сөзүнө Максүт кошулду.

- Акча жок болсо, мен кимге барып самын бер деп жалдырайын. Силерден чыкпаган самын кимден чыгат экен?

- Самын берип жүргөндө сен биздин кирибизди жууп жүрөсүңбү? Кайда барсаң анда бар, самын жок, - кайын ата кесе сүйлөдү.

Седепкандын тартынар түрү жок:

- Катындардын жумушуна эмнеге кийлигишесиң? Өз ишиңизди кыла бериңиз сиз. Сиз эмне аялсызбы?

- Мен аябай кийлигишем. Мен ушул үйдүн ээсимин. Так мен тейлеймин бул үйдү. Менин айткан законум менен болосуңар. Баш ийбейсиңби, керек болсо кууп чыгамын! - Максүт олтурган жеринен тура калды. Седепкан бөйрөгүн таянып алып сүйлөп жаткан. Кайын атасын эми сен дегенге өттү.

- Мен баш ийгидей сага тийген эмесмин. Ата кантип сендей болсун! Атадан айланып кет, как баш чал! Бул үйдөн кетпеймин. Өлсөм, бул үйдөн сөөгүм чыгат.

- Сөөгүң менен сөмүрөң кал! Өлтүрбөй эле моминтип чыгарабыз. Сени көмөбүз деп да чыгым болуп жүрөлүбү. - Максүт келини менен жулкулдашып коридорго чыкты, андан сырткы каалганы бир колу менен ачып Седепканды түрттү. - Ата сыйлаганды билет дейсиңби, жылан!

- Атамдын арбагы урсун силерди! Атам жамандыгынан өлүптүрбү! - Эшикке чыкпай туруп алды келин.

- Арбакты айтып коркутпай эле кой. Атаңды мен өлтүргөн эмесмин. Кет бул үйдөн! - Босогодо турган келинди өтүгү менен табарсыкка тээп жиберди чал.

- Аа, курган абышка, койсоңчу! - Айша чарылдап бериде турду.

- Аа, эл-журт! Мени өлтүрдү булар! Думана-а! Думана! - Ичин басып олтура калды Седепкан. Тамдын үстүндө чөп кыркып олтурган Думана чуркап келди. Ата-энесинин сырын билген ал кабагын бүркөдү.

- Эмне болуп жатасыңар?

- Бас, мени үйүмө жеткир! Мына, атаң мени сабап өлтүргөнү жатат. Өлсөм да, өз ажалым менен өлөйүн. Мен кимиңерге тийдим эле? - долулугун карматып, уңулдап ыйлап баштады Седепкан.

- Ии, бетим! Кайын атаңа ушинтип айтасыңбы, уятсыз! - Айша келинин оозунан чыккан сөзгө ичиркенип кетти.

- Азыр мен элди чакырып келем! Ошолор чечсин тагдырымды!

- Эл чакыргыдай, сенин калыңынды эл төлөптүрбү! Мунун кыйындыгын көр! - Баласына карап. - Жеткир! Жеткирип сал! - деди Максүт.

Думана атасына өйдө карап көргөн эмес. Эне-атасы эмне айтса, аткарчу. Аялы болсо Айшанын айтуусунда: "Мурдун чүлүктөп туруп, жетелеп алган". Думана үйгө кирип чыккан сайын, аялы жокто эне-атасы "лекция" окуй берчү: " Катының мындай кылган жок, минтип айтты, тигиндей деди..." Көп арызданышчу. Думана ошондуктан аялына болушуп ооз ача алган жок. Булкулдаган Седепкан эрине келди.

- Бас! Бул үйдө бир учук жибим калбасын! Кетем төркүнүмө! Кийим-кечегин, баласынын ороо-чулгоосун чогултуп, баштыктарга салып, күйөөсүнө көтөртүп чыгып кетти келин. Эртеси күнү Думана келди. Көпкө чейин сөз айта албай, ар-бери басып, акыры ата-энесинин маңдайына олтурду

- Ата, Седепканды кетирдиңер, мен ушинтип жүрө берейнби?

- Аның өзү кетти, мени жулмалады, каапыр, кемпирди киши ордуна көрбөйт, эмне кылат элек?

- Сиз ичке тепкен турбайсызбы Седепти? Аны эмнеге тебесиз, ал сизге келин да.

- Атаң көрү эй, калпын көр, келинге окшоп менден ыйбаа кылбайт, эшике түртүп чыгарганым чын. Тартиби жок, жылан, жүзүң кургур. Жоголсун, ошондон ары келбесин! - келини маңдайында тургансып, колун кезеп жулуна сүйлөдү Максүт. - Башка катын ал, кыз деген картөшкөдөн көп.

- Силерди атамдын арбагы урсун деп каргайт, жарыбагыр. Айша кыңылдап сөзгө аралашты.

- Ата, менин Седеп менен чыр-чатагым жок, кантип ажырашам! Үйлөнгөнүмө жети жылдан ашты. Эмне деп кетирем? Мен ажырашпайм, - Думана башын жерге салды.

- Ажырашпасаң катының менен кошо кет! Кайын энеңдин үстүнө кирип ал, атаңдын оозун урайын, катынкул! - Максүт уулуна ызырынды.

- Мунун башын имерип алган тура, - энеси кейип сүйлөдү. "Кет", - деген сөз жетишпей араң эле турганбы, көйнөк-кечесин чоң булгаары сумкага салып алып, Думана Седепкандын артынан кетип калды. Ошол эле күнү айыл ичинде: "Максүт уул-келинин көгала койдой сабап, кууп жибериптир. Думана катын-баласы менен кайын энесинин үстүндө экен", - деген сөздөр дуу тарады. Арадан билинбей үч жыл өтүп кетти. Айша катуу оруп төшөккө жатып калды. Же кызы болбосо, же колунда келини болбосо, ким багат? Думанан балдарын ээрчитип, Седепканы менен келип калды. Келин ооруп жаткан кайын энесинин жалаягын жууп, тамагын берип бакты. Айша көпкө ооруду, акыры туруп кетти. Күндөрдүн биринде Максүттүкүнө жаман кабар келди. Ырыскелдинин баккан уулу каза болуптур. Ырыскелди кемпири экөөнүн өлгөнүнө көп болгон. Уулу үйлөнүп, Д. шаарында жашоочу. Сөөктү Максүттүкүнө алып келишиптир.

- Мага сөөгүнүн кереги жок, алып кеткиле! - деп кесе сүйлөдү Максүт угаары менен. Кайгырайын деген боорукерлик бир сезими жок, заары бетине чыгып турду. Жанында тегеректеп айыл аксакалдары, тууган-туушкандары турган.

- Мен көмө албайм. Ким көмсө ошол көмсүн. Кайындары көмсүн.

- Эй, Максүт! Эмне деп келжиреп турасың? Ырыскелди жок болсо анан, өз атасы сен көмөсүң да! Сен өлсөң дагы уулуң Думана коймок. Ырыскелдинин баласын эч кимиси жок болсо, туугандары биз көмөт болчубуз. Кайындарына эмнеге берет элек? - Туугандарынын бири тилдеди чалды.

- Эмитеден эле алжып калгансың го. Сөзүңдү эл укпасын, каапыр. Элдикиндей он балаң болбосо, болгону эки уулуң бар экен. Бири минтип өлүп калды, - Ак чач абышка кеп улады. - Аа, байкушжашында жайрабадыбы!

- Чыгым болом деп коркпой эле кой. Өлүктүн да өз ырыскысы бар. Чогуу иштешкендери жылкысын алып келет экен. Каапыр, өз башың менен кетсин! Ар кимиси туш-туштан жаалап кетишти.

- Биздин урууну кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылдың.

- Сенин намысың кайда?

- Мал деп жүрүп эле өзүң мал болуп калыпсың!

Түрдүү кептерди айтып жатып Максүттүн жаагын басышты. Уулунун өлүмүнөн кийин Айша кайрадан ооруп, бул жолу аны бир тууганы Бишкекке алып кетти. Нарындын абасы жакпай, доктур ага келүүгө уруксат бербеди. Жанында кемпири жок, кийим-кечеги убагында жуулбай, эртеден кечке чейин мал менен алышып, отун-сууга барган Максүт чал жүдөдү. Баягы уруш кайра башталды. Россияга барып соода кылабыз деп кой, ат сатканы жатышыптыр уул-келини.

- Эй, Думана, катын-балаңды ээрчитип алып чыгып кет! Малымдын түбүнө жеттиңер. Ырыскелдинин уулун шылтоолоп, койлорумду саттыңар. Мени өлөөрүмдө тынч жашатасыңарбы? - деди чал.

- Өлөөрүңдө сага малдын эмне кереги бар? - Думананын сөзү башкача болду. - Берген чайды ичип жата бербейсиңби?

- Эй, көк мээлер, биз өлсөк кайсыл малды соесуңар? Силерге ким бир сом берет. Кимден кой сурайсыңар? Силер кеткилечи, кандай жашар экенмин. Мага караган катын жок, катын алам.Энең ооруп өлгөнү калды. Кийимимди жууп берген, жыртыгымды жамаган аял керек, мен өлгөнчө. Кокус өлүп калсам: "Бул абышканы бит жеп атып өлүптүр", - дешет. Сен түшүнүп жатасыңбы?

- Жөн эле жата бербейсиңби? - Думана атасына нааразы болду.

- Шал болбосом кантип жатам. Малды ким карайт, сен карадыңбы? Анан сата калалы дейсиң. Малыма тийбе! Баягыдай эле катын-балаң менен чыгып кет! Жок, чыкпайсыңбы - мен малымды алып, тамды сатып, кайындарыма кетемин. Мага жашоого мүмкүнчүлүк бербесеңер, ошол жакка барып жашайм.

- Ата, эмне шумдукту ойлоп таптыңыз? "Уулу кууп чыгыптыр" - деп мени сөзгө калтырганы жатасыз. - Мени өлтүрүп туруп, анан кетиңиз ошол жакка! - Думананын ачуусу келди.

- Сен өлбөй эле кой, жашай бер. Мен койду жеткирип келгенче тетиги "жылан" үйдө болбосун. Кеткиле! Болбосо, мен силерди сотко беремин!

Седепкан дагы тилин тартпай, үйдө чоң чатак болгон. Ушундан кийин Максүт чал коюн айдап, атына минип, Айшанын төркүндөрүнө баса берген. Муштумун түйүп, жерди тээп, Думана көзүнөн жашын кылгыртып кала берди.

Аңгеме-азил

Топтун жардамы

Бу жалганда деле кереги тийбей койгон нерсе болбойт тура. Буга мисал десеңер мен топту келтире алам, жолдоштор. Ооба, топ. Кадимки эле балдар ойноочу топ. Көк, жашыл, кызыл... топтун да түрү бар эмеспи. Менин Спутник деген абам бар. Бул ага элдин койгон аты, өзүнүн ысымы Өмүрбек, 1966-жылы алдыңкы сугатчы болуп сыйлыкка алган мотоцикли бар, деле үстүнөн түшпөй, кошунасынынкына барса да минип барат, тим эле эки бутундай көрөт. Анысы да бышык немеби, бузулганын көрө элекмин. Мен бала кезден эле минип келатат. Өзүм эле ушул тапта жыйырма бирдемин. Бир карасаң Нарында, бир карасаң Кочкордо, же болбосо айылда жүрүп калчу экен бир эле күндө, ошондуктан Спутник аталып кетиптир. Азыр деле ошондой, жаны тынбайт. Кээ учурда эки кишинин мелдешип жатканын кездештиресиң: "Ой, өз көзүм менен көрдүм. Спутник Учкунда жүрөт", - деп бирөө айтса: "Кел мелдеш, эми эле Достукта жүргөн", - дейт экинчиси.

Аз өткөн соң: "Спутникти үйүндө чай ичип олтурат" деп угасың. Үйлөнмөк болуп калдым. "Эми, балам, келин келгенче Спутник менен барып Нарындан жакшыраак кампүт-сампүт, май-чай болсо алып келе койгула", - деп энем баштык-уштугун акчасы менен берип, бизди жөнөтүп ийди. Түш ооганча келебиз деп, заңылдаган бойдон абам экөөбүз Нарынды көздөй учтук. Заңылдаганыбыз курусун, азык-түлүктү толугу менен алып, люлькасына батыра салып, айылга кайтып бара жатканда кызыктын баары башталбадыбы! Боюм узун жанмын... Спутник абамдын чымын-чиркей жылгаяк тээп ойноочудай болгон кашка башы күнгө чагылып, көзүм уялганынан бекем жумуп, абамды белинен кучактап алганмын. Толкунданып, ичимден ырдап, кечти тилеп: "Эх, кандай кыз түшөөр экен колума, эмнеси болсо да бели ушул Спутник абамдыкындай болсо, менин колум чак келет экен", - деп ойлонуп келе жаткам. Бир маалда эле биздин аргымагымагыбыз "чайк" этип барып токтоду. Чочуп кетип көзүмдү ачсам, Ак-Кыянын чыга беришине аз калыптырбыз. Пост ГАИ бар эмеспи, ал жерде тургандар токтотуптур. "Милициянын ага сержанты, инспектор Бөжөкбай Алтыбаев", - деп келип эле менден беш-бетер укуруктай узун жигит абамдын документин сурады. "Аты Бөжөк болгону менен бөйтөйбөй эле турнадай болуп калыптыр, - деп ойлондум, - атын Турна койсо болмок экен, кыскаарак болмок".

"Манастан Чубак кем бекен" дедиби: "Алдыңкы сугатчы Спутник", - деп үнүн чайылдата чыгарып, инспектордун сураганын сунду. Кагаз-пагазын барактаганы менен, Бөжөкбайдын көзү бизде болду. - Мен силерди өткөрбөйм, - деди инспектор аздан соң, - каскаңар жок. - Каска? Ий, иттики таза унуткан турбайбызбы, - деди Спутник абам башын сылап, - Эмне эле шамал уруп жатат десе. Кап. Эми айланайын, өткөрүп кой. Мынабу ырайы суук жаман иним үйлөнөт эле. Кечке чейин айылга жетиш керек. Эл күтүп жатат?

Көк неме көрүнөт, тиги да көшөрүп туруп алды: - Жок, өткөргөнгө болбойт, эртең алса деле кыз эч жакка качпайт. - Мендей атаң бардыр, иничек, эми... - деп келе жатканда Бөжөкбай кагып койду: - Түшүнөсүңөрбү! Аксакал, бол-бойт!

Өткөрбөсүнө көзү жеткен соң, абам шаарды көздөй бет алды, мотоцикл түз эле оюнчук дүкөндүн жанына барып токтоду. Кирип бир кызыл, бир жашыл топ алып чыкты Спутник байкем. - Аба, небереден сизде үчөө да, - дедим. - Булар небереге эмес, сен экөөбүзгө, жетмек турсун ашат, талашпайбыз, - деди.

Мен түшүнсөм кудай урсун, дагы эле башым чоң болгон менен мээме жеткен жок. Адамдан амал качып кутулбайт тура. Чөнтөгүнөн макисин алып чыгып, жашыл топту тең экиге бөлүп туруп мага кийгизди.

- Абаке, абаке, кулагымды кысып оорутуп жатат,- десем:

- Чыдай тур, ГАИден өтөлү, - деп койду. Кызылын болсо өзү кийди. Абамдын амалына бир эсе таң калсам, бир эсе күлкүм келип, боорум эзилди.

"Бөжөкбайдын өткөрбөгөнүн көрөйүн", -- деп Спутник абам аргымагын адатынча учуруп кое берди. Эми болсо башына топ кийгендиктен, көзүм уялбай, эки жакты карап, кругозор кеңейтип, өзүмдү бактылуу сезип, оозумду кулагыма жеткирип күлүп келе жаттым. Посттон дагы токтотту. Тааныган жок өңдөнөт, Бөжөкбай басып келип өзүн тааныштырып документ сурады. Спутник абам сураганын берди эле, ал бир документти карап, бир бизди карап туруп, эми байкады окшойт, башыбызды карап ха-ха-халап, болгон үнү менен каткырып, ичин басып отуруп калды. Биз кошо күлдүк. Бөжөкбай документти сунуп, сүйлөгөнгө алы келбей, "мага көрүнбөгүлө" дегендей кылып колун жаңсады. Ошентип биз топтун жардамы менен ГАИден өтүп кеттик.

Маасы жоголду

Күлүмкан чоң апанын токсон жашка толгон кези. Келиндин колунан ысык чай ичип, эртеден кечке чейин төрдөгү диванда тыпыйып олтура берет. Кыңылдап ырдап, өткөн-кеткенди эстейт, кээде неберелерине команда берип баш-көз болот, кээде телевизордун "кыргызын" көрөт. Айтор, өзү менен өзү алек, кишиге деле зыяны жок.

Күндөрдүн биринде мындай окуя болду. Чоң энеде кайдагы уйку, таң азардан турат да, үрүл-бүрүлдө диванда радио тыңшап, балдар турганча олтурмай. Адатынча кийинди. Таягын кармап эшикке чыгайын десе эле, бутунда бир маасысы жок. Төшөктүн аягын түрүп карайт, көрүнбөйт. Дивандын астына түшүп кеттиби - жок. Журкандын арасынан дагы таппады, жана эле тургансыды эле, жоксон алгыр! Же кечинде Бурмакан кошуна ачыткы сурап кирди эле, каапыр, көтөрө кеттиби? Жалгыз маасыны эмне кылсын? Небересине радатке кылып кесип салдыбы? Ошого кантип барсын. Балким, түндө Түмөндүн баласы телевизор көргөнү келди эле, анысы кымтып кеттиби? Жалгыз маасыны эмне кылат? Чоң энеси Сурмакандын эски маасысын тамандап бергени уурдагандыр? Ай, ошентти го!

"Ай, балдар, ай тургула! Түшкө чейин уктайсыңарбы? Сасыбай төшөнчүңөрдү жыйгыла!" - Сапараалынын үйүндө таңкы саат алтыда "подъем" болду. - Маасы жоголуптур! Болгондо да ичи түктүү жап-жаңы эки жүз сомдук модный маасы. Андайды бул айылдын кемпирлери кийип көрө элек. Жетиш кайда-а?!"

Полициянын наркоман иттериндей жулунуп-жулкунуп көздү болушунча ачып, Сапараалынын алты баласы, төрт келини, үч кызы, аялы болуп маасыны издешти. Табылбады. Эртең мененки чайды ондо ичишти. Издөө улантылды. Болгон кийиз, шырдак, дорожкалар эшикке чыкты. Гардероб чачылды. Жок. Түш болду. Чоң эненин версиясы боюнча шектүү деп табылган Түмөндүкү менен Бурмакан кемпирдикине жип сурамыш болуп эки чалгынчы жөнөтүлдү. Жигин билгизбей жоготушкан экен. Кайын энесинин маңдайына олтуруп алып Сапараалынын аялы тилинен келишинче ууруну каргап да берди. Катуу капалангандыктанбы, Күлүмкан апа ордунан жылган жок. Жалгыз маасы менен жылып кайда бармак!

Түш оогон кезде чоң апа үйдөгүлөрдү чакырды: "Балдар ай, келгилечи бери! Оң бутум чымырап чыкты, ушалачы!" Күлүмкан кемпир келинине бутун сунду. Келинин кайын энесинин маасысын чечече албай тырмышты. Кемпирдин буту тултуйуп чыгыптыр. Жардамга небереси келди. "Кокуй бутумду үзөсүң, акырын тарт!" - маасы чечилбей жатты. Акыры маасы да чечилди. Кемпирдин байпагы маасы менен кошо кетип, аппак болуп чүрүшкөн буту көрүндү. Маасы тарткан неберенин каткырыгы үйдү жаңыртты. "Ха-ха-ха! Маасы!" Башка сөз айта албай күлөт. Көрсө кемпир оң бутуна эки маасыны каттап кийип алган тура.

Тиш

Азыркы учурда арабыздагы айрым адамдарыбыз эптеп эле ыгын таап ичсем-жесем, бирок бербесем деп эле жутунуп, пейили бузулуп калган тура!

Үйдө олтурсам кошунам Баатырдын аялы буту-бутуна тийбей чуркап келип: "Чыдабай атат, жөнөнгүн!" - деп буюрду. Кырсык каш-кабактын ортосунда эмеспи, дагы бир нерсе болуп, кудай төбөгө уруп, тигил кошунам аркы дүйнөгө билет алып жаткан экен деп мен аттап-буттап үйүнө жетип бардым. Көзүнөн жашын салаалатып, кургак жерде чабалактаган балыктай болуп жаагын таянып өңгүрөп, Баатырым төрдүн тиги башынан бул башына чейин ооналактап жатыптыр. Аны көрүп жүрөгүм ордуна келе түштү:

- Ой, эмне болду? Деги тынччылыкпы?

- Тынччылык.

- Аялыңдын акыл-эси ордундабы? Өлгөнү жатат деп барды го?

- Чын эле өлгөнү жатам, тишим чыдатпай жатат.

- Ой, Баатыр, сен баатыр болбой эле чычкан болуп калгансың го. Доктурдун кошунасынын тиши ооруса уят. Азырынча муздак суудан оозуңа токтото тур, басылып калат.

Батыкем муздак сууну оозуна толтуруп алып бир аз олтурган соң, жаны тынч алып өңгүрөбөй калды. "Катуудан тиш оору жаман" - дейт, башымдан өткөргөн жаным тиш оорунун кандай экенин эстеп кошо кейидим да, кошунамдын жалакайлыгына күлдүм.

- Мен үйгө кетейин, эртең мага барчы, жаныңды кыйнабай көз ачып-жумганча тишиңди жулуп салайын, - дедим ордумдан туруп жатып.

- Талаада жаткан тиш бар бекен. Сууругучун көр мунун, суурутпайм, - деп кошунам жооп бергенде оозум араандай ачылып, уккан кулагыма ишенбедим.

- Ой, Баатыр, сага мен жакшылык каалап жатам. Башың баш багалчагың кара таш, менин тишим ооруп жатты беле! - деп ачуум келип эшикти ачып жатсам, үй ээси чуркап келди.

- Тамаша, тамаша. Бир ачууңузду мага бериңиз, аксакал. Укчу, мен сага бир сыр айтам.

Экөөбүз диванга олтурдук. Баатыр эшикти илип койду. Кейпи, аялынан да жашырса керек бул сырын.

- Кулак сенде, Баатыр.

- Бала болуп башыма жүн чыкканы менин бир жакшы оюм бар. Бирок ошол оюм түк ишке ашпай келе жатат. Андан-мындан терип-тепчиген бир аз тыйын-тыпыр бар эле. Ошого элдикиндей "аргымак" алайын дегем. Эки тоголок жетпей жатат.

- Ии, анан?

Оюмда карызга акча сурайт го дедим эле андай деген жок.

- Бул тишти сууртуп кереги жок, дос. Коңшу айылдагы тегирменчинин баласынын окуясын уктуң беле?

- Уккам.

- Мен да ушул тишимдин пайдасын көрсөмбү деп турам.

Кошунамдын сөзүн угуп мен ха-халап күлкүдөн жарылып кетчүдөй болуп үйүнөн атып чыктым. Баатыр жер караган бойдон өңү бозоруп олтуруп калды. Сыягы, мага таарынып калды окшойт.

- Шумдугуң кур!

Өткөн жылы күздө коңшу айылдагы тегирменчинин үй-бүлөсү менен мектептин завучунун ортосунда чоң чатак болгон. Мугалим жасаган эки-үч жолку эскертүүгө кулак какпай, каяша айтып, тентектик кылган тегирменчинин баласын завуч жаакка чаап койгон экен, окуучунун оозундагы, "Чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле" дегендей, курт жеп араң турган тиши ыргып кетиптир. Шылтоого шыноо таппай турган тегирменчинин аялы, ажаан неме, мугалимди сотко бериптир. "Уялбагандан өзүң уял" болуп, аке-жакелеп бир жылкы жетелеп, эки миң сом берип бечара завуч алардын алдына түшүптүр. Кудайдан болуп тегирменчиники "кыргызчылык" кылышып, айылдашынын кетирген чоң катасын кечиришкен экен.

Анан бул менин кошунам да, чиркин, байлыктын айынан айрым ач көздөр эмнеге барышпайт, курт жеп кеткен тишинин "убайын" көргөнү жаткан тура. Эми мени менен ким жакалашат деп күтүп жүрө берет турбайбы.

Кайсы шордуу кабылат болду экен деп кошунамдын жоругуна мыйыгымдан күлүп жүргөндө мындай бир иш болбодубу, түгөнгүрдүкү!

"Күлгөнгө күлө жетем", - деген чын тура. Уулумдун туулган күнү экенин билип калып, алкы бузук кошунам: "Белгиле", - деп тооруп туруп алды. Уят да чакырбасаң. Чакырдым. Анан эртеси эмне болду дебейсиңерби?

Балдардын апасынын анча-мынча ажаандык таланты бар. Мени эртең менен эрте тургузду да, кулак-мээмди өчү бардай жеди:

- Арак ичпей аңтарылып кетсеңчи, өлүгүңдү көрөйүн! Баатыр сени сотко бергени кетти, бар эми, түрмөгө олтур. Мен сага кайсы акчамды берем?..

Аялым айткандай, арак ичпей аңтарылып калсамчы!.. Мына сага сюрприз! Күч дегенден деле жок менде, жарыктык тиш, ыргып кеткен экен. Өзүм жайлап салган турбаймынбы! Эми эмне кылам, эл-журт? Силер да "кыргызчылык" кылып мага эптеп акча чогултуп бергиле, "көп түкүрсө көл болот" дейт, же өз колум менен Баатырдын оозуна бакыйта алтын азуу салып берсемби? Эмне болсо да колум менен жасаганды мойнум менен тартам да, андан көрө силерге айтаарым:

- Кырсыкты кайдан деп болот, кокустан бирөө менен урушуп, мушташып калсаңар эч качан жаакка чаппагыла, ал жаакта курт жеген мына эми түшкөнү турган тиш болушу мүмкүн!

Амандык кат

Океандын ары жагына амандык кат!

Саламатсызбы, Бакыт байке! Жакшы жүрөсүзбү, ден соолугуңуз жакшыбы? Иштериңиз ийгиликтүү болуп жатабы?

Эми биз жакшы жатабыз. Бизде жаз келип калды. Эл айдоого чыгып жатышат. Кымбатчылык болуп кетип, көбү буудай айдабай калышты, себеби солярканын баасы он сом, буудайдын килогрммы жети сомдон.

Чоң апам деги бышыкчылык болсо экен, кудайым деп олтурат. "Баламды сагынам", - дейт.

Байке, сиз кеткенден кийин Алмадай чоң апам өлдү. Төрт жылкы сойдук. Апамдар: "Кошокту жакшы айта албайбыз", - деп, аркы айылдан кошокчу кемпирдин кошогун магнитофонго жаздырып келип, үч күнү тынбай дарылдатып коюп коюшту, айылды жаңыртып, "Малдыбайдын энесине эки жүз көйнөк илген, биз үч жүз көйнөк, үч жүз жоолук илебиз", - деди апам. "Жүзгө чыккан апаңардыкы той, бул качанкы Алмадай, жер каймактаганда эле бар болучу", - деп келин-кесектерге шакек, сөйкө таратышып, анан атама көрсөтпөй арак ичип жатышты. Сөөктү коердо Токой акем мас болуп, ашканага шилекейин агызып жатып калыптыр, Аны Ашырбай акемдер табыттын артынан сундуйтуп көтөрүп барышты. "Энесине топурак салбаса уят болот", - дешти. Мүрзөдөн келатканда дагы Токобай акемди көтөрүп келишти, ал: "Апам, жаныңа жатам", - деп өлө ыйлады. Сөөк коюлгандан кийин: "Алмадай апабыздын жашына жетели", - деп өлө чардашып, бири-бирине көңүл айтышты.

Ии, баса, мындан беш күндөн мурда Сапардын баласы Макар аял алып келди: "Үйүңөргө сразу эки баш келди, - дешти кемпирлер. - Атаганат, бизге деле ушундай бүлө туш болсочу". Келини эки баштуу го деп ойлодук. Барсак, келини кадимкидей эле супсулуу кыз. Көрсө... көрсө көтөрүп келген алдейи бар экен. Быйтыйган, "Макардын эле баласы", - дешти көргөндөр.

Биздин огороддун аягында Сарыбай менен Карабай кошуналар жер талашып уруша кетишти. Сарыбайды Карабай күрөк менен башка чапты. Карабайды Сарыбай кетмен менен ичке чапты. Кызыл чеке болуп мушташышты. Аялдары бири-бирин каргашты. Эртеси экөө тең: "Сени сотко берем", - деп ооруканага кетишкен. Экөөнү бир палатага жаткырышыптыр. Бири-бирин көргөндө: "Ушу сенден кудай кутказбады го", - дешет экен

Байке, сүйүнчү! Биздин мектепке чоңдор беш компьютер алып келишти. Келгенден бери алты ай болду, бирок өмүрүмдө колумду компьютерге тийгизип көрө элекмин. Байке, акчаңыз болсо мага деле компьютер сатып алып бериңизчи...

Байке, ушуну менен катымды аяктаймын, жакшы туруңуз. Сизди аябай сагындым. Качан келесиз?

Бетиңизден өөп, 6-класста окуган иниңиз Аман.

Биздин айыл

Башка айылдарда кандай болду экен? Биздин айылдын жашоочулары эки топко бөлүнөт: сатуучулар жана сатып алуучулар. Бөлөк кесипти билбейбиз, сооданы жакшы түшүнөбүз. Мурдагы өткөн заманда айылыбыз кайсыл бир көсөмдүн атын ардактап алып жүрүүчү. Эми эки күнгө созулган жыйналышта кеңешип-талашып олтуруп ысмын өзгөртүп да алдык. "Менин атам он беш жылы сугат сугарган, ошонун атын коебуз", - деп Келгенбай чыкты. "Жок, менин энем сегиз жылы иштеп, алдыңкы саанчы болгон, эмгеги колхозго сиңген", - деп Барганбай бакылдады. Экөө талашып, кызыл чеке болушту. Ортодо Кыялбек: "Таякем Таранчы жыйырма жылы жылкы баккан", - деп кыпчыла калды. Тургандарды Тууганбай: "Тукубай жездем жети жылы чот кагып, жети жылы жетекчи болгон, атын коюуга ал деле арзыйт", - деп жөөлөдү. "Карысы бардын ырысы бар", - деген чын экен, урушту акырында Акыл аксакал басты. Акыл калчап, калыс кебин айтты: "Арабызда таарыныч болбосун, айылбыздын атын "Сатынды" деп өзгөртөлү, себеби, заман нугу бурулганы баарыңар эле сатынганды жакшы көрүп, базарда күнү-түнү жүрөсүңөр. Жада калса, таалада өскөн чөп, асманда учкан сагызганды, тоок тууса жумурткасын сатасыңар. Сатып олтуруп айылда кой, уйдан эч нерсе калган жок. Эшектен башка сатпаган эмнеңер калды? Жанагы "репрессияңардын" маалында күчүк-мышыкты балдарыңар коңшу айылга шоклад-сагызга алмашышты. Кемпирлер бөкчөңдөп кийизиңерден бери саттыңар. Э, калайык кандай дейсиңер? "Туура, аксакал, туура айтат", - деп көпчүлүк чурулдап калды. Ошентип айылыбыз "Сатынды" айылы деп аталды. Чоң шаарга, базарга барып убара да болбойсуң, баардыгы айыл ичинен табылат. Кино-жаңылыкты телевизордон деле көрүп аласың. Ар бирибизде машина - болгон малыбызды сатып, Бишкекке барып сатып ийип, төрт дөңгөлөктүү аргымакты минип алганбыз. Көчөнү аралап бассаң, жарыялар бажырайт. Жашыл дарабазада: "Полет, пикник, дрож сатылат", көгүндө: "Кемал, шакалат, атыр алгыла", күрөңүндө: "Туз, калгетки, ширеңке бар". Кыскасы, ар биринде дүкөнчүлөрү да бар, чалчаңдап сагыз чайнап, "наличкага" гана беришет.

Көп нерселерди унутуп да койдук. Мисалы, "Саламатсызбы?" деген сөздү. Капыстан бирөөнүкүнө баш багып калсаң "төргө өт" дегендин ордуна "эмне аласың?" деп колуңду карашат.

Заман талабына ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын аттары дагы башкача: Сатылган, Сатти, Сатыпалды, Сатынды,Алысатар, Алмаш, Сатар, Бартер, Залокбай, Ынтымак, Өзгөрүш.

Алтын күздө айылыбыз шаңга бөлөнөт. Эгин, түшүм жыйналып, күндө майрам, "сатам, алам" деген эле кишилер. Сабиз, алма, помидор, жашылчасы үйүлөт. Туугандар, "Сатынды" айылына келгиле, себеби бизде баары бар, баары сатылат!

Дипломсуз догдур

Адеп отко киргенимден баштап эле кайненем мурдун букадай чүйрүп, казанда кайнап жаткан шорподой буркан-шаркан түшө баштады: "Оо, өлүгүңдү гана көрөйүн, эрге эмне шашылдың? Кайнатаң жарды, сокур неме экен. Мурду коңкойгон, күйгөн чачыладай болгон капкара немеге тийгенден намыстанбайсыңбы? Ушунчалык эле эркексиреп атсаң, тирактирис болсо да таап берет элем го бирөөнү. Айтчы, ажыраштырып алайынбы? Эй, эмне унчукпайсың? Былтыйбай жарылып койсоң боло. Эм-не-е? Ажырашпайм дейсиңби? И-ий, бетим, ата-эненин кереги жок тура буга. Андай болсо тиги "ненормальный күйөө сөрөүйңдү ээрчип жүрө бер!" - деп ачуу айкырып кайран кайненем жашында спотрсмен болгон белем, жата калып туруп, кызын ичке тепти эле, байкуш Сүйүмканым учуп келип, мени баса жыгылды.

Ошентип, кайненемдин кызына үйлөнгөн күндөн тартып, мен "ненормальный" деген атка кондум, туугандар. Бирок, мен эле эмес, башка бажаларымдын да ушул сыяктуу оорулары бар экен. Маселен, таластык бажам "талас жинди", оштук бажам "ош жинди", деген дартка чалдыгыптыр. Кыскасы, күйөө балдарынын баардыгы келесоо чыгып, кайненемдин өзү гана таза имиш.

Анын айтуусунда, токмоктук бажам мансапкор, куу чирен, боюда бар аялдай курсак байлаган, өгүздөй күшүлдөп-бышылдаган, мыкты тетири урган, балканы сабынан эмес башынан кармаган, деги койчу, бүт санап олтурса, ыкшып атып өлүп калчудайсың. Анан картаң карышкырдай болгон кайненемдин алдында ийилип салам бербестен калдайган ээринин араң гана кыбыратып, төркү үйгө "прямо" өтүп кеткеничи, акмактын. Бир чети ага деле бооруң ооруйт - жүгүнөйүн десе курсагы тоскоолдук ылат да.

Ал эми келиндерине коюлган аттарды санабай эле коеюн. Белгилей кетчү нерсе, эгер кайненем убагында мединституттан окуп алган болсо, анда "кызыл дипломду" кучактап, эмдигиче бакыйган профессор болмок. Мисалга эле алсак, бизге койгон диагноздору: ненормальный, жинди, келесоо, чаар, сүйрү, тултук, былтык, шалпык, кочкор тумшук, бочке, арбак, талма ж.б.

Айткылачы, жолдоштор, силер таза элесиңерби? Эгер убактыңар болсо, кайненемдин үйүнө келип "диагноз" койдуруп кетпейсиңерби?

Уйлар да ыйлайт

Талкаланып, мүлжүнүп, аңгырап ээн калган сарайдын жанындагы водопроводдо кудум чай ичип божурашкан кемпирлерден бетер эки уй сүйлөшүп олтурушту. Алдыңкы бутунун туяктарына толтура сузулган сууну анда-санда шоркурата ууртап коюшат да, кепке киришет.

- Эх, несин айталы, эстеп олтурсам, биз бир керемет түштө жашап кеткен турбайбызбы, - деди Сарала улутуна.

- Азыр ал Ыссысырдын заманын музоолоруңа айтсаң: "Койсоңчу жомогуңду", - деп куйрук шилтешет, - деп кейиди Гүлдесте.

- Кээде ойлоп олтуруп, ошондогу кесирибиз башыбызга тийген экен деп калам.

- Ии, анда саанчылардын аппак халат кийип, Байматов башкарма, алдыңкы саанчы деп уйчу Эрматтын аялы Ташматова менен сүттүү уй Сарала деп экөөңөрдүн сүрөтүңөр колхоздун конторунун алдында илинип турбадыбы далай жылы.

- Аа, десең, - деп күрсүндү Сарала, - жанагы сасыган уйчу Эрматтын аялы мен көп сүт бербесем кайдан аты чыгат эле. Бааланып ветврачтын машинесинен түшпөй, жапонский жоолук салынып, телебизорго чыгып, менин артым менен эле багы ачылбадыбы!

- Мүшөгү менен май, айран-курутубуз курсагына кетпедиби. Андан дагы колхоз тараганы жатанда бизди тыйтайган арык кунаажындарга алмаштырганын эстесем, ичим күйөт.

- Кантужиним кармап кеткенде, берменин салаңдаган курсагын жара сүзгүм келет. Ой, баягыл менин чаар торпогумду көлдөгү бажасынын машинесине "сүттүү уйдун тукуму" деп салып берген ушул болчу, - деп жашып кетти бечара Сарала. - "Кара уйдун агынан эмес, багынан", - деп бекер айтышат экен, багынан эмес эле сүтүнөн болот тура.

- Үйүндөгү үйлөгөн чаначтай болгон эрке аялы эринин мээсин жеп жатып, биздин тоодой-таштай болгон букабызды гамерсия кылам деп шаарга сойдуруп кетип, жазында сонун-сонун көйнөктөрдү кийип келбедиби. Таплийи жакшынакай экен, э?

- Таплийи менен талаада калсын! Кудайга койдук, башка не дейбиз, - куйругунун учу менен Сарала жашын сүрттү. Сараланы алаксытайын дедиби, Гүлдесте колун кезей сөз баштады:

- Азыр заман апасный! Эгер сен берменин курсагын жара сүзсөң эле, күнүнө берген бир чака сүтүңө карабай туруп, алдагы калдайган башыңды бетбрачка кестирип, шаардан бир машина киши чакыртып, баштыгына салып берет. Лабаратария деген жерден текшерет да, соо болсоң да, "кутурду" деген кагаз жазат. Болду! Музоо, торпогуңду, жанында жүргөн деп мени, айылдагы болгон ит-мышыкты, баарын кошуп туруп атат да көөмп салат. Сени болсо өрттөп жиберет. Сарала "кутурганын" элестеттиби, далайга чейин "чынысындагы" сууну ууртабай же сүйлөбөй олтурду.

- Деги заман оңолсо болду, - деди Гүлдесте эски сарайды карап.

- Ии, - Сарала эстей койгонуна сүйүнү кетти, - кечээ пенсияга бараткан кемпирлерден кулагым чалды эле. Кыргыздын кайсыл бир жеринде илгеркидей эле колхоз бар экен дейт. Ую уйдай, кою койдой болуп, колхоздун малы талап-тонолбой эле, сарайы деле, тамы деле мурдагысындай турат дейт.

- Кемпирлер эмнени билет, экөөбүздөй эле да, - деди Гүлдесте кайдыгер.

- Ай, ошол кемпирлердики чын эле болот акыры. Баягыдай чогултса кандай сонун болот эле. Көгала, Марта, Кашка, Айсарала, Жылдыз - не деген уйлар эле...

- Анын баарын кайдан табат элең... Кызыксың. Акыркы берме Алабай кышкы согумга сойгон Айсараланы кайдан чогултасың? Чоңдоруң кустура албайт. Ага бетбрач экөө "Осмоналы лөкүй" болуп ооруду деп диагноз коюп, кагазына жазып даярдап коюшкан.

- Бергенбайдын торсойгон курсагын жарсаң, бермедеги үч жүз уйдун башы чыгат болуш керек. Байкуш уйлар не болбодук: эбин тапканга машина, шаардан үй, кыз, баласы окууга барса пара болдук, куру кол кала жаздаганынын оозуна алтын тиш болуп тагылдык, - үнүн акырындатып, - Тиги саанчы Сакиштин оозундагы алтын тишти бермебиз салдырып бериптир!

- Бергенбай бермеби? - деп көзүн алайтты Гүлдесте, - Та-ма-ша-а!

- Акырын, угат, - деп сактангандай эки жакты карады Сарала, - Ушактан артта экенсиң.

- Арманды айта берсе түгөнбөйт, Гүкүш! Андан көрө аялдар жылында келиндер пенсияга чыгыптыр, быйыл карылар жылы деп мамлекет карыларга көп жардам бериптир. Эми элетти көтөрөбүз деп атышат. Келсе, бизге да эпкини тийээр...

Гумжардам

Жолдошум Өмүр өзүбүздүн айылга Өкмөт башчы болгондон бери менин даражам зоболоду. Төркүн-төшүм, тели-теңтушум, кошуна-колоңум, Бактыгүл атымды айта алышпай эле Бакентай дешип, келиндерим болсо: "Өкмөт акемдин байбичеси", - деп тергеп сыйлап калышты. Бара турган айылым дагы көбөйдү, ал жерден түз эле төрдөн орун беришет, жөө дагы баспай калдым, машинелер өздөрү токтоп сала кетишет. Анан кантишсин. Өкмөт баланын жүгөнү менде турса.

Бир күнү эшик такылдаганынан чыга алсам, кудай бетин салбасын, илгерки совет доорунда дефицит товарга тургандай эле короодо узун кезек турат. Үйгө таяк таянган таажеңем кирди: - Бакентай, айланайын, эртең райондон гумжардам келет экен, ошого мени жазып кой, - деди. - Таажеңе аны комиссия билет да, менин кандай тиешем бар? - дедим таңданып. - Ботом, эриң сенин тилиңен чыкмак беле? Айт. Таажңем буйрук берип чыгып кетти. Андан соң төрт баласын ээрчитип кошунам Макиш кирди: - Айланайын, Бакентай, мени тизмеңе жаза көр, эл алгандан алайын, эгер гумжардамдан куру калсам, эки баламды силердикине таштайм, - дейт догурунуп. Көп өтпөй өзүмдүн акам кирди да: - Ээ, Бакы, мобул баштыкты жеңең берди, "Гумжардам алып койсун", - дейт. Баштыкты таштап чыгып кетти. Кийинки кезек шыкылыктаган Апал эжемки экен. - Ай, Өкмөт, күйөөңө мени да жаздырып кой, тиги гумжардамга 10 кил шекер, 25 кил ун бар экен деп уктум. - Эжеке, аны көп балалууларга, ветерандарга берет го... Мен кайдан билейин, же контордо иштебесем.

- Жерге кир! Өз баркыңды өзүң билбейсиң, байкуш. Сени Өкмөт баланын өкмөтү дейт, эриңди башкара албасаң, бул жерде эмне олтурасың? Служанкасыңбы, ыя? Макул, көп балалуулар алсын, 10 кил шекерди алган катындын жанагы жалмаңдаган балдары туш-туш жагынан чыгып, эки эле күндө аягына чыкпайбы, ботом. Андан көрө мага беш килин берсе, эртеңки келген мейманга салган атпайымынбы. Эриңе айт, 10 кил болсо, 5 кил эле экен, 20 кил күрүч болсо, 10 эле кил экен десин элге. Ботом, май кармаган бармагын жалайт, оокатты азыр көбү эле ушинтип табат, - деп мени ойго салды. Чындап тизме жаза баштадым. Алчу жардам мүшөгүмө батар бекен дегенсип, колуна мүшөк кармап Койчу акем да келди: "Ээ, балам, бу силердикинде гумжардам таратып жатат дегенинен баш бактым эле. Эшигиңердин алды бака-шака түшкөнүнөн..."

- Аке, гумжардамы келээри да белгисиз.

- Ээ, балам, уктум го. Эл жазылган тизмеге мени тизип кой. Эмине, коросо түрктөрдүн пулу коройт. Өмүр экөөңөрдүн эмнеңер кетип атты эле, ага-тууган киши болсок. Суугуна тоңуп, ысыгына күйүп ушул колхоздо отуз жылы мал бактым...

Тизмеге Койчу акемди бадырайта жаздым. Менин барагым баш аягы отуз кишини камтыды. Өмүр жумуштан келгенде тизмени алдына таштадым. "Кайдагы гумжардам?" - деп таңкалып көзүн бакырайтты.

- Кайдагы, эртең Туркиядан келе турган. Айылдагы "азаттыктар" айтышты. Үйгө келип жазылып кетишти.

Жолдошум гумжардам таратуу үчүн комиссия болоорун, бул тизме жарабасын айтты эле, мен алиги Апал эжемен, Койчу акемен уккан сөздөрдү автоматтан аткан октой бадыраттым. Өкмөт бала башын мыкчып олтуруп бир топтон кийин мага багынды.

- Болуптур тизмеңди көрсөтөйүн, - деди.

"Азаттыктар" айткандай эле, эртеси отуз гана кишиге гумжардам келиптир. Ары талашып, бери талашып жатышып жыйырма кишисин комиссия жазды да, аргасыздан менин отуз кишимди кошуп, он кишинин санын ортодон Орунбай аке таап, баардыгы 60 адам гумжардам ала турган болду. "Тең бөлүшкөндү теңирим жалгаптыр" деп бирди экиге бөлдүк. Көп балалуу Көчкөндүн он кил күрүчүн Орунбай аке өзүнө алды, Багаары жок Базарбайдын беш кил шекерин, алып сатаар Алтынга, согуштун ветераны Бердикенин алты кил майын, мектептеги маалим эже Майрашка акыркысын берип коюшту. Түрктөрдүн жардамын таркатарда тачкесин сүйрөп доктур Досумбай, маалим Марат, секретарыбыз Семетей, эски башкармабыз Эсен, мурдагы парторг Мукан дегендер деле келишип куру кол кеткен жок.

Гумжардам жетпей калгандарга эмкисинен аласыңар деп сооротуп жатышты. Көчкөн бир нерсе айтчуудай оозун таптады эле Орунбай омуроолоп койду: "Колуңа тийгенин алып кете бер, бул сенин атаңдын ары жактан жиберген баселкеси эмес!"

Эми айылдагы "азаттыктар" алыскы Америкадан кө-өп жардам келет экен деп жатышыптыр. Жакын-жукундар жазылганы келе башташты. Кокус бир адамга бир шым келип калса, кандай бөлүштүрөбүз, ыя, Өмүке? Айрабызбы?

Баягы-баягы жыйналыштан бери эркек болсом дагы оюн-чынын аралаштырып кошунамдын аялын "гк жеңе" деп тергеп алганмын. Жеңем экөөбүз бир мекемеде иштейбиз. Ал машинистка, мен болсо Болпош Момуныч деген жаңы келген бухгалтермин. "Ии, кара бала, өгүңкү сен тигип берген көйнөк мага сонун жарашат экен, отуз жылдан бери көйнөк тиккен Жүзүмкан жеңем биякта калбадыбы,- деп жеңем какылдап, - ушу сага өзүм тандап туруп картөшкөдөй кыз алып бербесем". Картөшкөдөйү кандай болду экен? Көз алдыма мурду баштыктай, куник кыз элестейт.

Кимдир бирөө гарнитур алды, машинесин сатып, там салды, куда тосту, аялы 900 сомдук тон кийди деген сыяктуу арыздарды үстөккө-босток жөнөтүп жатып, жадаганда директорубуз көчүп кетип, жаңы жетекчи келди. Ысмы Алик Маликыч экен.

Жеңекем кабагын карыш салып, техникумду "ветеран" болуп жүрүп жети жылда бүткөндүгүн, бирок айлыгынын аздыгын айтып мага каңкуулачу. Күндөрдүн биринде көзүм эшигимдин алдына жерде жаткан бир барак кагазга урунду.

- Урматтуу госктмитет! Биздин окуу жайынын деректири эч билими жок кишилерди кызматка ала берет. Мисалы, жаңы бугалтер. Кесиби боюнча тигүүчү, тыкач. Ал немеси олтурат эле, олтурат, же кылган немеси жок. Билимдүүлөр дипломун көтөрүп басып жүрүшөт. Отдел кадыр деректирге кой берген. Деректири келээри менен мягкий мебель сатып алды.

Эртеси эле каарданган Алик Маликыч кызматкерлерди, техперсоналды чакырды. Суурмасынан бир барак кагаз алып чыгып, баягы мен окуган арыздын көчүрмөсүн окуду: "Урматтуу Госкомитет..."

Зал ичинде: "Капырай шумдук!", "Муну ким жазган?", "Хи-хи-хи!" - деген күбүр шыбырлар угула баштады. Деректирдин орун басары Кекин Токоныч арыз ээси табылса жумушунан бошоторун эскертти. Дагы үч-төрт жыйын аяктады.

Кошунам: "Ий

өлүгүңдү көрөйүн, арыз жазгандар сенин балакетиңди алсын, ичи тар акмак жазды да", - деп тоголок арызчыны колунан келишинче каргап-шилеп жүрдү.

Аз күн өтпөй көзүнөн чаары, жүзүнөн түгү чыгып жетекчибиз дагы чогулуш жасады, баягы эле. "Госкомитеттин" төртүнчүсү: "Урматтуу госкомитет! Менин айылдаштарым дерктириңердин кылган ишине качан тийиштүү чара көрүшөт, билими жок бугалтариңер Болпош Момуныч качан иштен бошотулат, - деп кулак-мээмди жеп жатышат. Силер ушуну эске алгыла, урматтуу Госкомитет!"

Зал ичи каткырыкка толду. Оңой менен күлбөгөн Алик Маликыч да жылмайды. Арыз кол жазма менен жазылгандыктан, Кекин Токоныч азыр эле залда олтургандардын ар бирин жаздырып көрүүнү сунуш кылып, баардыгы бир добуштан макул болушуп, кол көтөрүштү. Бир гана Мари Сагымбайна помидордой кызарып, тайсалдап жатып колго түшкөн фашисттей эки колун тең көтөрүп жиберди. Текшерип жатышты. Ким чыгар экен дешип, бири-бирин шектүү карап, жыйындагылар текшерүүчүлөр тарапка моюн созушат. Бир убакта Кекин Токоныч: "Уу!" деп кыйкырып жиберип, "бырс" күлүп оозун басып, араң тыйылды. Жетекчилердин жанында ручка кармап, жер тиктеп Мари Сагымбайна турган эле.

Зал көтөрүлө түштү:

- Тообо! бети жок!

- Мари Сагымбайна!

- Сөлдүрөп алып бир топ тура!

- Жоготуш керек мындайды. Пол жууганы ылайык.

- Өздөн чыккан жат жаман. Ишпион болсо кыйын болмок экен!

- Төбө чачым тик турду Арызчы мага чуркап келип: "Айланайын тигүүчү бала, мени кечире көр, экинчи мындай болбойт", - деп тибирейт. "Коңшуңдун ким экенин били туруп отурукташ", - деген туура экен, жолдоштор. Үй жарыгы үйгө тийбейт, "Госкомитет жеңе-ов!>

Бүбүштүн процедурасы

Бүбүш апа былтыртан бери айыл ичине атына заты жарашып эмчи-домчу катары тааныла баштады. Ачкыл ууртап алып айланасындагы адамдарга атырылмай адаты бар эле, анысын да койду. Антпегендечи, элдин баары эле кара курсактын камын ойлоп эмгектенип, улам бири бизнестин түрүн ойлоп таап жатканда!

Ушул бөрү заманда эмчиликтин дагы жашоодо чоң ролу бар турбайбы! Келген адамың, "куру аякка бата жүрбөйт" деп, томпойтуп баштыгын көтөрө келишет экен, пенсия тийбей жатканда бир тоголок чай алып келсе дагы пайда эмеспи.

Бүбүштүн негизги чоңдорго күчү көп жете бербейт, айылдагы жашка толо элек балдардын тизмесин дептерине жазып алып, эриккен күнү пациенттерин бирден чакырат:

- Төлөнбайдын алты айлык кызынын киринеси бар экен, келип көрсөтүп кетсин. Кырбаштын баласынын башы кыйма болуп кетиптир, эмдетип кетсин.

Кырбаштын аялы күшүлдөп-бышылдап баласын көтөрүп, койнуна жапонский жолугун катып жетип келет.

"Элдик медицинанын" алдыңкы методу боюнча кыйма болуп чачы түшкөн балага эшекти сүздүрүп, баланын топусуна жем салып, эшкке жегизет экен. Ошондо жарыктык эшек жаныбардын дагы эмчилик касиет барбы же шилекеий дарыбы, айтор, алиги баланын чачы жаздын күнкү жамгырдан кийинки шибердей эле өсөт экен.

Анан Бүбүш апам Кырбаштын баласын көтөрүп, ичинен улам-улам дубасын күбүрөп, эшек жаныбарга сүздүргөнү жакын алып барганда жем үмүттөнүп жатканбы, анысы бакырып ийсе болобу! Узун кулактын ариясынан чочуган бала жүрөгү түшүп ээси ооп калыптыр, алактаган Кырбаштын аялы баласын шалактатып доктурга көтөрүп кетти. Көксөгөн жемине жетип, алдейдин топусун жем баштык кылып эшеги бир пациенттин бекер кетиргенине кейип, эси жок эшегин тилдеп, Бүбүш апам калды.

Күндөрдүн биринде Козубайдын келинчеги тили чыгып сүйлөп турган баласын жетелеп келди. Бала кусуп, чекеси ысып турган экен. Бүбүш апабыз "сүф-фтөн" үч кайталап дем салды эле, ага ыраазы болгон келин баласына: "Мындан ары таанып жүр, бул кайсыл чоң апа экен?" - деп сураса, тиги шаш-паай туруп: "Бөтөлкө жытанган апа", - деп жооп берсе болобу. Көрсө "дарыгер" апасын наристелер жакындан сезет тура.

Бүбүш апабыздын "процедурасы" ушунда-ай!

Тапалак бүйрө

Элет жери экендигине карабастан күн өткөн сайын эсте каларлык окуялардын күбөсү болуудабыз. Өткөөл мезгил алкымдап турганда, биздеги "Тапалак бүйрөнүн" ачылышы, албетте, чеке жарылгандай кубанаарлык саамалык. Айылдагы чал-кемпирлер, бала-бакыра тил сындырып кыйналбасын деп орустун "бюро находок" деген сөзүн кыргызчалаштырып алдык. "Тапалак бүйрө" айылдын борборундагы клубдун жанынан орун алып, дем алышсыз иштейт. Анын салтанаттуу ачылышы жакында болуп өттү, ага бүйрө мүчөлөрүнө башка жоготкон буюмун издеген адамдар катышты. "Тапалактын" чакан коллективи алты адамдан турат. Жетекчиси Алдымбүбү, өзүнүн түнкү жортуулдары менен коомубузга белгилүү инсан. Алдыңкы тапалактар: баласы Жулдумбек, кызы Жымырдым. Булар кызмат учурунда өз ишинин көзүн билгендигин, шамдагайлык, тайбастык, алгырлык айлакерлик сыяктуу сапаттарын көргөзүүдө. Алардын девизи: "Жоктон барды табабыз!". "Тапалак бүйрөгө" талапкер болгондордон жогоруда биз атап өткөн сапаттар талап кылынат. Эки танооң жакшы иштеш керек, орусча айтканда "собачий нюх" болууга тийиш, айына иштеп тапкандын 100% сеники, кокусунан гана "таап алган" учурда буюмдун ээсине көрүнбөсөң болду.

"Тапалак бүйрөнү" ачуу идеясы мурда эле бар болчу. Тымызын кыймылдаган Алдымбүбүнүн иши оңолуп, жокчулук менен жайма-жайлык берендин чырагына май тамызбадыбы, эмесе, Алдымбүбүнүн күндөлүк түйшүгүнөн бир фрагмент келтирели:

- Бир күнү Сакиш сатып алган иранский таштегин жоготот. Ары карайт, бери карайт, акыры бирөөнөн Алдыкенин "шайтандары" көтөрүп кеткенин угат. Үйүнө барса Алдымбүбү "көргөн жокмун" деп ачыбаган камырдай мелтейет. Кызы Жымырдымдан да ушундай жооп болот. Көпкө созулган арбашуудан кийин, Сакиш кроваттын жабуусун ач салса бажырайып таштеги турат дейт. Ачуусу келген Сакиш: "Бул меники эмей кимдики?" - деп Жымырдымды таштек менен төбөдөн ары салса жарыктык желим жарылып кетип, кыздын башы таштектин ичинен чыга түшкөн экен. Ошентип Сакиш таштегин ыргытып ийип, үйүнө куру кол кайтыптыр. Мындай окуяларды санаса, көп эле сөз айтылгыдай. Эмесе, туугандар, биздеги "Тапалак бүйрөнүн" жайы ушундай. Бир өкүнүчтүү жери, бул бүйрө жоголгон документтер туралуу иш алып барбайт. Ким эмне жоготсо тапалактарга шашылгыла.

Аксакалдар соттойт

"Арпалуу" айылынын кеңсесинде Аксакалдар сотунун жыйналышы башталды. Адегенде катчы Аманбай чыгып мындай деди:

- Жолдош айылдын аксакалдары! Азыркы жыйым-терим иштерине байланыштуу бүгүн чогулушка көп киши катышпай калды. Аларды кечиримдүү себептер менен келбей калды деп, жыйналышты баштай берели. Бүгүн күн тартибинде каралуучу эки маселе бар. Биринчиси, Мөндүрбайдын кемпиринин жоругу, экинчиси, Союзбектин адамга жагымсыз кылыгы.

- Эмесе, жолдоштор, ушул алты аксакалдын бир добуштан колдоосу менен жыйналышыбызды ачсак. Биринчи маселе боюнча сөз төрагабыз Арпабай абышкада.

- Урматтуу аксакалдар! Арпалуунун тургуну Мөндүрбайдын кемпири Жүзүмкан айылыбыздын бетине көө жаап олтурат. Ал 2000-жылдын 15-сентябрында акимибиз Кыргыйбай Буудайыковичтин короосуна бийиктиги эки метр келген дубалдан ашып түшүп, үйүнө кирип барган. 73 жаштагы бул кемпир жакшы ой менен барбаганы бештен белгилүү болду. Натыйжада кемпир кеткенден эки күндөн кийин ары-бери чуркап, ичи өрттөнүп чабалактап, кудайга үнү жетип кыйкылдап, "температура" болуп, кечинде жаткан жеринде, ушул үйдө отуз жыл жашаган дөбөт Бөрүбасар бул дүйнө менен кош айтышкан.

- Биздин алдыдагы максат - Жүзүмкандын жүзү каралыгын, мыкаачылыгын эл ортосуна салып, мындай иштерге чек коюу. Балким, ал урматтуу Кыргыйбай Буудайыковичке покушение жасаганы баргандыр. Мүмкүн, бир террористик акт даярданып, жаткан адамдар жибергендир. Баардыгына сак болуп, кылдаттык менен таразалашыбыз керек.

Айыпкер кемшеңдеп жашый түштү:

- Ээ, ботом, бакушение дегендей, мен ачка калганыман барыптырмынбы. Кудайга шүгүр, уй саап олтурам, балдарым бар, казаным оттон түшкөн жок, сүт ичебиз. Мен бир мекемеде отуз жыл иштегем, алганым үч жүз сом. Акимибизди чет өлкөгө барып, айылдан колу бошобой жатканынан, конторго олтурбаганынан, пенсиямды жогорулатып, гумбомошко жазсын деп арызданып баргам. Чоңдордун карылыгы жетип өлгөн итин да менден көрөсүңөрбү? Балким, ал ууланган чычкан жеп өлгөндүр? Мен кеткенден эки күндөн кийин өлсө, кайдан мен өлтүргөн болом? Менин тагдырым дөбөттүн өлүмүнчө да жокпу, ээ, калайык?

Арпабай сот кемпирдин тескери түшүнгөнүнө кыжыры келип, олурая карады да:

- Айыпкер Жүзүмкан, сөздү бөлбөңүз. Сизди акимге кол салганы барган, же болбосо "сакалчандар" менен байланышы бар деген божомолдоолор болуп жатат, - деди.

- Ии, каран күн, мен акимде же бир тыйын аласам болбосо, же уруш-талашым болбосо, эмнеге кол салат элем. Же башыма кийген байпак, колумдан мылтык кармап алыптырбы. Сакалчандардан үйүбүзгө Ташбай эле кирет. Аким жөнүндө бир ооз жаман сөзү жок.

Аңгыча залдан Алакуш тура калды:

- Э, Жүзүмкан, туура түшүн. Мага таарынба! Аялдар апасный келесиңер. Ыраматылык Ленинди Каплан деген катын атканын билесиңби? - деди да, "кандай дейсиңер" дегенсип эки жагын карап койду. Берки бешөө ырас дегендей баш ийкешти.

Сөздү Арпабай тыянактады:

- Негизинен алганда Бөрүбасардын өлүмү табышмак болуп турат. Муну дагы изилдеш керек. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дейт. Бул ишти "кырк чорого" тапшырабыз. Айыпкер Жүзүмкан, сиз пайгамбар жашындагы адамсыз. Сакалды сүйрөп милийсада жүргөн уят иш. Ошондуктан "кыргызча" сүйлөшүп, бул кылмышыңызды аким менен өзүңүзчө бүтүрүңүз. Милисага бизде террористтер жок деген кагаз жиберели. Жолдоштор! Биз биринчи маселени талкуулап бүттүк. Эми экинчи маселени карайлы. Күз келип күн жаап жаткан учурда комбайнер Союзбек айылдагы жалгыз комбайнды бузуп салып, ошонун саатынан бир топ адамдын бир нече гектарлаган жери чабылбай калган. Жолдоштор! Союзбек комбайнды убагында оңдосо болот беле? Муну кандай карайсыңар? Кээ бир кишилердикин тааныш аркылуу, без очеред, арагын ичип, анан чаап берген деген билдирүүлөр бизге келип түштү. Союзбек, сен эмне дейсиң?

- Элдин сыйлап берген арактарын эле ичкем. Тааныш аркылуу чапты деп жөн эле айта беришет да. Комбайн бузулганда гараждан запчасть таппай койгом. Шаардан сатып алайын десем, акча жок.

- Гаражда ушул күндө кайсыл запчасть болсун. Кароолчу Кеңеш баарын сатып бүтпөдүбү. Аякта кароолчудан башка эчтеке жок, - деди Чоңмурун абышка.

- Ой, бала, акча жок дейт, торпок-морпокторуңардан өңгүрөтпөй сатпайсыңарбы? Туулган күн болсо, кой жетелеп базарга чуркайсыңар. Жолдоштор! Союзбектин журтчулугубуздун ишине кайдыгер мамилесине кандай чечим чыгарабыз?

- Комбайнды сатып келсин.

- Жазга чейин ремонттоп койсун.

- Ой, эгини чабылбай калгандар эмне кылат?

- Кол менен чабар?

- Камаш керек.

Акырында Арпабай аксакал мындай бүтүм чыгарды:

- Арпалуу айылдык аксакалдар соту түшкөн арыздардын негизинде ишин карап көрүп чечим чыгарды:

1. Мөндүрбайдын кемпири Жүзүман Чормонова туура эмес жүрүм-туруму үчүн аким Кыргыйбек Будайыковичтин алдына түшсүн.

2. Комбайнер Союзбек Кыштакбаев түшүм жыйноо убагында комбайнды бузгандыгы үчүн үч күнү контордун складына камалсын да, аны ремонттоп өткөрүп берсин. Сот процеси аяктады. Урматтуу аксакалдар, жакшы баргыла!

Мына, Арпалуу айылынын аксакалдары алты саат алектенген иши. Силердин аксакалдар кандай соттойт болду экен?

Жарамазан бизнес

Деги мен таңмын, азыр мендей балдар мурдунун суусун тарталбай жүрүшпөйбү. Өзүм болсо... былтыр да ушинткем. Өнөрүң болсо, өргө чап дейт. Орозо башталгандан бери бизнестин жаңы түрүн ойлоп таптым. Чыдамым кетип, орозонун биринчи күнү эле чыктым. Комузду шартылдата чертем, үн деген кудайга шүгүр, Тянь-Шандын бүркүтүндөй эле шаңшыйм. Үнүмдү уккан кемпир-кесек Мусадан кем калбайсың деп калышат.

Ооз ачарга чукул эл орунга олтуруп, колунда барын жайнаткан маалда, бир чоңураак баштык асындым. Белиме болсо кадимки чоң коммерсанттар тагынган сыдырмалуу, көп чөнтөктүү кара кошелекту тагынып, "быссмылда" деп өзүмдүн кошунамдыкынан баштап жарамазанды жабырап кирдим. Байкуш кошунам ишимди жакшы баштап, менин оюмду билгендей, он сом карматты, таякемдики тамеки, тегирменчиники майга көөлөнгөн талкан, Асандыкы алты сом, берки Бүкөн кемпир элүү тыйын, деги койчу, кызыгып кетип, жарамазан айтып эки саат жүрүпмүн. Аркы айылдагы Малабайдын ити талабаганда, кулагымды суукка үшүтүп, алмак окшойм. Кошелекко караганда баштыгым оор экен, үйгө араң көтөрүп жеттим. Чарчапмын, таң аткыча түшүмдө ырдап, акча санап чыктым. Балдарым менен колуктум Айнаштын кубанганын айтпа, бири чупа-чуп сорсо, экинчиси сагыз чайнап жүрөт. Эртеси эки баштык алып чыктым. Жаныма улуу балам Уланды ээрчитип алдым. Кийинки күнү үнүм чыкпай калыптыр, андай учурда магнитофонго жаздырып, ошондой эле кубултуп ырдаганды үйрөндүм, Себеби, бир барган үйгө эртеси да барууга туура келип жатпайбы, таанып калса кантесиң. Бир күнү тиги Бишкекке кеткен завклуб Үсөндүн үнүнө салып ырдадым. Кээси колунан келгенин беришсе, кээси: "Өлүгүңдү көрөйүн, кечээ эле келбедиң беле" дешет. Дегинкиси кыргыз колундагысын аябаган берешен жакшы эле калкпыз. Мен жылаңач калгансып, тиги Эмилдин энеси эски батинке берет. Колун уялтпайын деп алып, мындай чыкандан кийин Мышыкка берип койдум. Эми айткан жарамазаным мындай: Адыр-адыр тоолордон деп башталат да.

Бычак учу жылтырайт,

Май томуруп жатабы.

Ачкычтары шылдырайт,

Акча берген жатабы.

Улак берсең аламын,

Уйга кошуп байлаймын.

Козу берсең аламын,

Койго кошуп багамын.

Торпок берсең аламын,

Топоюп минип аламын.

Акча берсең аламын,

Кошелекко саламын.

Эмне чыкса колуңдан

Берешен экен энем (же жеңем) деп,

Баарын эле аламын.

Албайм деп айтыш болбойт, "албасаң алба", деп эшикти "тарс" жаап кирип кетсе эмне кыласың?

Убакыт учуп жатат. Ошентип орозо ортосунан ооп кетти, эми жарамазан айтып коңшу айылга бардым, үйдө бош олтурганда эмне кылат элең деп, Айнашты да ээрчитип алдым. Аным чыйылдап кайырмасынан кошулат. Кээ үйдөн чайнек, чыны берет: "Ой, муну эмне кылат элем, бизге акча бергиле, биз эмне, көзүңө сыгаан көрүнүп жатабызбы?" - дейм. "Пенсия тийбей жатпайбы", - дешет кээлери күнөлүүдөй. Үй-бүлөм менен баштыктардын ордуна, кытайдын ак мүшөгүн көтөрүп кыдырып калдык. Баягы Ак-Талаа, Ат-Башы, ары жагы Кочкор, Жумгалга чейин кыдырдык. Жүк көп болуп, жолдон жарамазандан түшкөн биртике акчага эшеги менен чийне сатып алдык. "Ушундан көрө москвич же жигули сатып албайсыңбы", - деп Айнашым машина оорусу менен ооруй баштады: "Кое тур, Көлгө эптеп жетели", - деп көк беттенип жатып, уулумдун каникулу бүткөнүн унутуп калыппыз. Көлдүн Жети-Өгүзүнө жеткенде, мага окшогон көлдүк "салыкчы-бизнесчи" бар экен. "За воздух плати, дружок" дегенде бир кил талкан, көйнөк, импортный носки, иранский таштек, коньяк берип кутулуп, Нарынды көздөй сыздык. Келатканда Айнашым, ак жолтоюм, айткандай жигулиж минип келдик. Машине минбегенде эмне кылат элек,

Колдо турган акчаны элчилеп пайдаланбайбызбы. Эч кимге айтпай эле ичиңден эсептечи. Бир айылда жок дегенде беш жүз түтүн болсо, ар бири бир сомдон берсе эле, бир түндө беш жүз сом алаканда. Анан аны орозонун отуз күнүнө көбөйтүп көр. Көп эле болот бекен?

Эмки жылы буюрса, башына кара байпак кийгендерден кудай сактаса, Таласка баралы деп турабыз.

Асыл эшек

Күндөрдүн биринде таң атпай саат сегизде Макамбайдын короосунан "чыр-р" эткен ачу кыйкырык чыкты. Макамбайдын токсондон ашкан энеси Асыл узак оору болуп, мына эки күндөн бери "коркутуп", балдары тикийип түнү менен дежурствого туруп жатышкан эле. "Кудай так төбөгө уруп, кемпир ары карап кеткен го. Ыманы саламат болсун", - деп бата кылып: "Кайрат кылгыла. Эмне, кылым жашаган энебиздики той эле да! Көп эле башыңарды оорутуп ыйлай бербесеңер", - деген сыяктуу көңүл жубатаар сөздөрүмдү камдап алып, Макамбайдын коросун көздөй бастым. Эшик алдында адам көрүнбөйт, боз үй тигели деген эч ким жок. Макамбай малканасынын оозуда өңгүрөп турат. "Ушул эле жерге байлагам! Кашайгырдыкы!" Жанында бир-экөө бар.

- Ой, Маке, тынччылыкпы?

- Тынчыбай калсын! - капачылыктан сүйлөөгө алы жок.

- Ии? Эненин акыбалы жакшыбы?

- Энең үйдө жатат кирип көрө бер? - деп ал мага "бурк" этти.

Жанында турган Жакенден жооп болду:

- Түндө булардын боз эшегин уурдап кеткен тура.

- Аа-а! Асыл энем "кеткен" экен деп жаңылышыпмын, "асыл" эшек жоголгон турбайбы! Макамбай ыйлагыдай эле бар болчу жаныбар! Күнүнө эки фляга суу ташыган, жүк көтөргөн, далай жумуш бүтүргөн, эч кимге зыянсыз, чөп-жем жээрге келгенде "оозу-мурду жок" бир жан эле! "Түндө Макамбайдын эшегин уурдап кетиптир" деген сөз айыл ичине "дүрт" жанган оттой тарап кетти. Анын дайнын билгендер деле бар экен: "Макемдин боз эшегин ала качып кетишиптир! Жанагы айылды кечке маал тынбай айланып жүргөн көк москвич кадимки кыз ала качкандай аңдып жатып, салоного батырып, уурдашкан экен. Дагы жакшы тиги күнү-түнү уктабай, ар кимдин терезесин тыңшап жүрчү көрөгөч Көкүл машиненин номурун жаттап калыптыр". 2222 ЭБ. Куугунчу тезинен даяр болду, аксакалдар сотунан бир киши, милийсадан бирөө, мушташка ырас деп Муратты, эшек ээси Макамбай, анан шоопур. Баары биригип бешөө. Мындайда сүрдүү барбаса болбойт. Эшек алыс деле кетпептир, коңшу айылдагы Космосбектин машинеси болуп чыкты түндөкү. Дарбазаны такылдатса куугунчу келет оюнда жок, Космос акең колуна жуушаң кайчы кармап, өзү ачат эшикти. Милийса, ак сакалын жайкалтып абышка, Макам, лөкүйгөн Мурат кирип барышат.

Оо, кудай, уккан кулагыма ишенбейм! Шыйрагын таңып алып, Макамдын "асылын" кой кырккандай кыркып жаткан экен. Космосбектин колун таңып, "ослокрадство" деген статья менен олтургузуп коюшту милийсалар. Анын короосунда "модница" эшектер көп экен. Көрсө... көрсө, боз эшектер азыр баа болуп турган кези дейт. Силерде килограммын сегиз жүз сомдон алабыз деп машине менен үй кыдырып, тыбыт чогулткандар барбы? Эмесе, эчки тыбытын өткөрүүдө эзелтен арам аталып келген эшек байкуштун деле эмгеги зор болуп жатыптыр. Илгери кой кыркын деген болчу эле, Азыр ушул убакта "эшек кыркын" деген да бар экен.

Байпакка катылган сыр

Жакын өтүп бара жатсам клубдун ичинен заңкылдаган үн чыкты: "Карап, карап, кайрадан сени самап..." Чын угуп жатамбы же түшүмбү? Токтой калып тыңшасам саамга дагы эле баягы үн созот. Артисттер келсе... кантип эле... деген ой кетти. Мүлжүнүп бүтүп сөөгү калган немеге кайдан кирсин. Чаң-будуңдан бут коерго жер жок эле. Эмнеси болсо да көрөйүнчү, эшиктин жыртыгынан сойлоп кирдим. Артист түгүл эч ким жок. Катар-катар отургучтардын скелети гана талаада калып ит-кушка жем болгон малдын сөөгүндөй ар кайсыл жерде аркаят. Музейге киргенсип улам бирин тиктеп турган кезде сахна тараптан бирөө кошок кошуп кирсе болобу:

Ырысы элең жашоомдун

Ыдырап кетип капыстан

Ыссысырым сен жок кор болдум

Карап, карап, кайрадан сени самап.

Бул кимиси өлүп кетти экен деп сахнага чуркап бардым. Алдыңкы орундардын түбүндө жүдөгөн, чачы саксайган, киринен ак деп айтуу кыйын го, ошол түстөгү эски көйнөкчөн кемпир сымал бирөө олтурат. Экөөбүз тиктешип калдык эле саамдан соң:

- Келдиңби, балам. Мен сени көптөн бери күтүп жүрдүм эле. Мен ушул клубдун ээси болом. Орусча домовой дейт эмессиңерби? Ушул клуб салынгандан бери келатам. Домовой десе илгери элдер колундагысын таштап калышчу эле. Азыркылар коркмок түгүл, чыга калсаң жыга чапчудай. Өгүнү үч бала караңгыда келип, сахнанын полун сууруп жатышканынан карап турсам: "Сен да ууруга келдиң беле, тактайдын аркы башын көтөрүп койчу", - дейт, жарыбагыр.

- Сиз ошонун баарын көрүп турасызбы?

- Көрмөк турсун баарын жазып койгом. Бармактайымдан ушул жерде жүрсөм, башка бирөөлөр келип алып кемирип жатса зээниң кейит экен.

Домовой сахнага чыга калып ырдап кирди:

Жа-аш кезимде мен дагы

Артында чачы буралган.

Келин бир болгом тырсыйган

Далай жыл өтүп арадан

Азыр да мени карасаң

Минтип кемпир да болдум ырсыйган.

Ырын аяктаган соң, кадимки артисттерчесинен ийилип койду. Мен шатырата кол чаптым.

- Бул кулуптун башынан эмнелер өтпөдү, далай чоңдор күпүлдөп доклад окуп, алдыңкы дыйкан-малчылар эмгегине жараша сыйланып, артисттер күүлдөп консүрт берип, полду күнүнө күзгүдөй кылып жууп турчу эмес беле. Мобул дубалдын боорунда Леонид Ильич баш болгон чоңдордун портретинен бош орун жок болчу.

Төрт-беш комнат кулуптан азыр мага жатаарга жер жок калды, сызга жатып жүдөп, кирдеп, ден соолуктан ажырамай болдум. Канышадай болуп жумшак дивандын үстүндө жатчу элем, колхоз тарайт деген имиш чыкпадыбы. Ошонодо бир күнү эртең менен ойгонсом эле башка үйдө жатам. Эмне болуп кетти башым маң. Көрсө түнү менен Таласбаев мен жаткан диванды үйүнө жеткириптир. Ошол бойдон Таласына көчкөндө сала кетти. Клубда ушундай оокат бар беле деп сураган эч ким болгон жок. Таласбаевдин үйүндө эки күн араң жүрдүм, аялы ажылдаган неме. Эртең менен баштаган кечке чейин кулуптан муну алып кел, тигини алып кел деп эринин эсин эки кылат экен. "Ажаан аялдан албарсты качып кутулуптур", - деген чын сөз, качып кеттим. Диваным кеткенден кийин завклубдун кабинетиндеги бельгийский килемге оронуп жатып жүргөм. "Бишкектен чоңдор келгени жатат, үйүмө тага турайын", - деп активдердин бирөө алып кетип кайрып берген жок. Килем жоголгондон кийин, паласка оронуп уктап жүрдүм. Кызыл үйдө иштеген Кымбат: "Кирдеп кетти, жууп коеюн", - деп экөөнү бирдей алып кеткен, ошол бойдон алып келген жок. Нарын сууга агызып жиберген го, кудай урган. Жылаңач болгонго караганда жумшагыраак эмеспи деп үстөлдөрдү бириктирип уктачу элем, жумшак-жумшак. Жумшак столдордун отузун тең оңдотобуз деп Отунчунукуна алып кетишип, урушпай-талашпай бөлүп алышыптыр. Айлам түгөнгөндө шкафтын ичине киргем, аны дагы менчиктешти. Шкафтын чоң эшиги Бөлөкбайдыкында камыр жайгыч тактай болуп жүрөт дешет. Жыйырма беш метр дорожка бар эле, аны ушул жердеги аялдар жууркан көктөгөнгө жакшы экен деп бөлүп-бөлүп чубап алышыптыр. Эми, айланайын, айта берсе кеп түгөнбөйт, андан көрө мобул кагазды катып кой, сураган бирөө болсо берээрсиң, - ал байпагынын ичинен кичинекей дептерче алып мага сунду, - Ушуну катчу жер жок, кокус бир жерге түшүп калса, таппай каламбы деп катып жүрдүм эле.

...17-декабрь. 95-жыл. Кимдир бирөөлөр оозгу эшикти түн киргенде чыгарып кетишти.

Ушул сыяктуу окуялар домовойдун күндөлүгүнө жазылган экен. Дептерди барактап жатып ээсинин кайда киргенин байкабай калыптырмын. Аңгыраган клубдан сойлоп чыгып келатып, мунун кейиништүү тагдырын кимдер ойлойт болду экен деген ниетте болдум. Кулагыма домовойдун армандуу ыры жаңырып жатты. Карап, карап...

Хуан-Жалкоо

Азыркы-азыркы эле убакта, бир райондун бир айлында бою он карыш, ою бир карыш Хуан деген жигит бар экен. Ал даяр ашка көнгөн, жатып ичээр жалкоо, баардык тамактан "бөдөнөнүн сүтүн" жанындай көрөт. Жумуш деген сөздү укса эле, кыжыры кырк жеринен кайнап турат. Ошондуктан аны айылдаштары Хуан-жалкоо деген атка кондурушкан. Хуан баталке деген касиеттүү айнекти көргөндө гана кудум цирктеги кант жеген аюудай иштеп берет экен.

Хуандын өзүнө окшогон "Бөдөнөнүн сүтү" дегенде эт-бетинен кеткен достору бар болот. Айтмакчы, "Бөдөнөнүн сүтү кандай болот?", "Кайдан табылат?", "Бөдөнө кайда жашайт?" деген суроо болур жүрбөсүн? Аны Хуандын достору оңой эле табышат, эки жолдун ортосуна таңкы саат сегизден кечки сегиз-тогузга чейин (пост деп коет) экен чөнтөккө колду салып, ары-бери өткөндөргө: "За воздух плати!" - деген кереметтүү сөздү үч кайталаса эле тигилер кээ бири абышканын, кээ бири кемпирдин сүрөтү бар кагаз карматат. Аны алып "точкага" жакындаганда эле колуна баталкесин кармап, аңдып турабы, саксаңдап сатуучу кемпир чуркап чыгат. Баталке баатыр жайлагандан кийин кыргызча аларды "майкөтөн" деп да эркелетишет, ичкен сайын биринин артынан бири келе берет. Ошентип, аны ичкендер "дуб" деген дозага жеткенде кайсыл жерде турса, ошол жерде кусса кускан бойдон, ыйласа ыйлаган бойдон жатып калат, себеби дөңгөлөк отказ берет имиш.

Хуандын достору тапкан-ташыганын тең бөлүшүп ичишет экен: бири үйүнөн эт көтөрүп чыкса, экинчиси чай ичкен жеринен нан кыса келет колтугуна, кай бири бидону менен бозо көтөрүп жүрөт.

Күндөрдүн биринде достору Хуанга: "Бирдеме таппайсыңбы?" - деп тооруп келип калышат. Акчасы жок Хуан ары ойлонуп, бери ойлонуп бир акыл табат. Картошка бышып калган мезгил экен. Хуандын огородунан бир чака картошка казышып, "точкеге" өткөзүп, арак алышат. Аны кылкылдатышкандан кийин алагүү болгон достору Хуанга "жардамдашып" айдоодогу картошканын теңин казып салышыптыр. Эртең менен Хуандын энеси аны айдоонун четинен тааптыр. Иштин жайын эми түшүнгөн жалкоо: "Эх, келесоо башым!" - деп өзүн-өзү башка чааптыр.

Эгин чабылганда Хуанга достору дагы келишет. Баланча жерде буудайга арак алмашып жатыптыр деген жагымдуу кабар жеткиришет. Кечинде Хуан үйүнөн буудай уурдап чыгат, жардамга келген баталке достору аракты суудай агызып, таң атканча жыргашып, кампанын теңин оюп салышат. Эртең менен эсине келген Хуан: "Эх, келесоо башым!" - деп өзүн "шак" эткисе мээге чабат. Хуандын жоругун көрүп, энеси аны үйүнөн кууп жибериптир. Азыр болсо Хуан "рэкет" болуп постто турат дейт.

Ошентип, туугандар, Кубалык Хуан жалкоодон биздин "Хуандан" бир айрымасы ушул - кубалык Хуан бөдөнөнүн сүтүн ичпейт экен, аны жалкоолугу үчүн шайтандар чекеге чаап жатып өлтүрүшөт. Ал эми биздин Хуанды чекеге чаап өлтүрөөр шайтандар арабызда жок экен. "Мастан жинди качып кутулуптур", - деген сыңары шайтан болсо дагы Хуаныбыздан, кыясы, корксо керек.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз