Баратбай АРАКЕЕВ


"Чаңдагы гүл"


Карымшак Ашым досу экөө тээ көчө бойлоп келатат. Демейде илгерки Октябрь майрамындай жүрчү немелердин сабыры суз. Бири сөз баштаса эле экинчиси уруша кеткени турат. Дагы басышты. Анан Ашым сөгүнүп койду:

- Катын болгон, энеңдин...

- Эмне жарым жолдон токтойсуң, сөкпөйсүңбү түбүнө түшүрө эле?!

- Ошонун катын болгонунун энесин урайын, - деди Ашым деле жакшы тилдебей, - энесин урайын, уктуңбу?!


- Энеңди урайын эшек, эркек өңдөнүп келиштире сөккөндү да билбейт, - деп Карымшактын жини келет, - балтайган немени балтайта эле сөкпөйсүңбү өзүнө окшотуп.

- А өзүң эмне сөкпөйсүң?! Сен эмне, сөгүүдөн калдың беле. Сөк сен деле.

- Эй, энеңди... Сөксө эмне экен. Балтайган энеңдурайын, жалап!

Унчукпай калышты. Экөө тең. Дурус сөгүлдү окшойт. Бул экөөлөп сөгүп жаткан Турдукан деген толугунан келген бойдок аял. Эрдүүдөн эптүү жашайт. Тилинен баштап, колунан көп нерсе келет аялзатына жараша. Бүгүн бул экөөнү үйүнө чакырып, столбосуна предохранитель койдурган. Анан чайын берип, бир бөтөлкөнү алдына койгон. Адегенде чоң стакан менен бирден көңтөрүшүп, анан экинчисин түбүнөн эле ууртамыш этишкен, жеткени ошол болду. Бул экөөнө бир бөтөлкө самогон дегениң даам алууга жарап бералбайт эмеспи. Күтүштү, дагы бирди сууруп чыгат деп, жок. Дөңгөчтөй болуп отуруп алып, улам-улам "уюмдун сүтү майлуу" деп кайра-кайра чай куят. Жедеп экинчи бөтөлкө келбесине көздөрү жеткенде ордуларынан турушту. Эттери нормадан төмөн кызыган немелерди эми эч ким токтото албайт, кайдан болсо да табышат.

Дал ошол семиз катынды сөгүп келатканда ылдыйдан бир чыткурсак маңкасын чуурта чуркап, сүйүнчү айтып турду:

- Карымшак байке, сүйүнчү! Алтынбек байкем аял апкелди! Азыр эле келишти ак "Жигули" менен.

Карымшак дел боло калды эле, Ашым айтты жоопту: "Болсун, болсун! Эй, Карымшак, куш бооң бек болсун! Алтынбегиң аял апкелген турбайбы! Сүйүнчү!"

- Уктум, энеңдурайын, мени эмне дүлөй деп турасыңбы! Бир бөтөлкө самогон табалбай келатканда анын катын апкелгени кимге кызык, ыя? Тойду эмне менен берем, ыя?! Туй, энеңди... абийирди төккөн турбайбы!

- Эй, эмнеле келжирейсиң?! "Куданыкын кудай камдайт". Ушул жашка келгени ошону билбейсиңби?.. Көкмээ энеңдурайын десе, орус болсоң го бир жөн...

- Кудай камдарын мен деле билем, энеңди десе, кайсы кудай камдайт, ыя, келесоо?!

- Кайсы кудай экенин мен кайдан билдим, иши кылып камдайт да.

- Туй, энеңди... Эми эмне кылдым.

- Ай жүрү, адегенде Бүкөштүкүнө кирип чыгалы, анан калганы өзү эле көрүнөт, жүрү.

Экөө дагы бир Бүкөш деген самогон саткан аялдыкына киришти да, жети атасынын арбагына чейин жалынып жатып, бирди алып бөлө тартышты. Эми кай маселе болсо да чечилбей көрсүн. Экөө түз эле Карымшактыкына келишти. Барса небак эле эл котолоп, келинтой кебетеленип калган экен. Карымшактын дулдул аялы кебетеси аттырып алган, наркы-терки шуулдап, бир нерселердин камын көрүп жүргөнсүйт. Күйөөсүн көрө сала беттен алды:

- Ай, кемакыл уулуң аял алып келсе, бу сен кайда тентип жүрөсүң?! Тойдун камын көрбөйсүңбү, шору калың өлүгүңдү көрөйүн! Тап эми тапчуңду!

Карымшак аялы менен теңтайлаша айтышалбайт, айтышкысы деле жок, бир ирет бетин алдыргандан кийин айтышпай калган. Анткен менен өтө кызуу кезинде килтилдеген куймулчагына бир тээп алары бар. Карымшак нарыта турган кемитиле баштаган дөңгөчкө отуруп, калпагын алып башын шашпай тырмап турду - бул аябай ойлонуп жатканы. Анан бир маалда ордунан туруп, эч кимге эч нерсе дебей төмөн басты. Төрт-беш үйдөн кийин Үсөн деген аталаш агасы боло турган, өзүнөн он чакты жаш улуу. Өзү эмгекчил, чоң куу да адам. Карымшак короого киргенде Үсөн үйгө жөлөнтө орнотулган узун орундукта отурган экен кемпири экөө.

- Салоомалейкум, байке, - деп Карымшак орундукка отурду. Токтогон жок, маселесине түз кирди: - Байке, Алтынбек уулуң келинчек апкелип калыптыр...

- Ии, болсун, - деди Үсөн, кемпири да айтты а сөздү.

Карымшак сөзүн улады:

- Сизден башка кимге барам, келдим... Өзүңүз билесиз...

Мунун эмне айтарын билет Үсөн. Чорт киши катуу айтты:

- Кантип түлөө берем деп суранып келгениңди да билем! Кулкунуңдун жаманынан үйүңдө үрүп чыгар итиң жогун да билем! Же бир аялың жөндүү болсочу, кошо талашып ичип... Абийириң кетерде гана келесиң! - Үсөн саамга ойлонду да, анан сөздү бүтүрө айтты: - Бир кой, бир мүшөк ун ал, арак-шарабыңа десең жеңең акчасын берер. Ай, ал тоюң бүткөндөн кийин сен тетигини шыштай кылып бүтүрөсүң, уктуңбу?! - Үсөн короонун төр жагында куюлган фундаментти көрсөттү - сарайгабы же үйгөбү, ким билди...

- Бүтүрөм, бүтүрөм. Бүтүрбөгөндө... - Карымшак ордунан атып туруп, байкесинин колун кыса кармады. - Агалыгыңыздан айланайын! - кучактаганы жүрөт.

Үсөн ордунан туруп кетти, тигини түртүп:

- Эми көргөндөй болбой, барчы нары! - самогондун кыйраткыч жытынан качып жатпайбы...

- Кудай бетин салбасын, тойдун тополоңу жакшы кетти. Келесоонун коногу билет дегендин калети бар беле, ар-ар жерде экиден-үчтөн топтошуп самогонду катырып, эки жашка эки миңге жылга жетерлик өмүр тилеп, кай бири союлуп жаткан койдон кесе калып шишке сайып отко кармай коюп, ысылык деп оозун көө кылып булчуңдайт. Үйгө салынган дасторкондо самогондон калган эки кемпир менен бир чал отурат. Келиндер аларды кээде эстей калышып чай куюп, кайра сыртка чыгышат. Үсөн болсо жана бир басып келип байбичесин ээрчитип кайра кеткен.

Карымшактын ончакты бөтөлкөлөшү аялдары менен кошуна-колоң, тууган-туушкан болуп, элүүдөн ашык адам наркы-терки уу-дуу, бурч-бурчта отурганы... Нак мейман баягы самогондон калган чал менен эки кемпир... Анткен менен кой союлуп казанга түштү, боорсогу жасалды. Эми убакыттын баарын тойдун шаңын көтөрүүгө арноо керек. "Алтынчы күнү той болот, ээй..." деп бирөө аркырап кое берди эле, обону, сөзү ар кандай кеткен бир жапайы обон короого толуп, көчө аралай кетти.

- Ай, энеңдурайындар, ушул да болчу беле, кичине култура-мултура дегенди колдонуп, танцы уюштуруп эметпейсиңерби, ыя? - деп Ашым сунуш киргизди эле, бат эле магнитофон пайда болуп, кайсы бир тилде ыр кетти... Ана эмесе, бирден-экиден-үчтөн кармашып, кармашпай тегеректешип, билгени билип, билбегени билбей эле жер тепкенге өтүштү.

- Ай, эки жаштын бакты-таалайы үчүн алып жиберчи, - деп эки-үч эркек, катын самогон куюп кыдырып жүрөт.

- Өзүмдү-өзүм аябасам, мени аяп ал деген бирөө жок, өлүгүңдүкөрөйүндөр, - деп бир толугунан келген келин килейген стакан самогонду бир тартты да, колунун сыртын гана жыттап басып кеткенин көргөн Ашым:

- Э келин балам, акелериңе да көз кырың сала жүрсөң... - деп тийиштик кылды эле, оңбогон келин дароо жообун берди:

- Акесине көз кырын салган келинде абийир калабы, аке? Акеси салса го мейли, ха-ха!.. Келиңиз, момуну алып жибериңиз... - Бир стакан сунуп, курган келин Ашымдын алты амалын түгөттү окшойт: - Келинге көз кырын салган чалдар көп, жарагандар аз, аке, ха-ха-ха... - келин кетти. Ашым эмне жооп айтарын билбей туруп калды. Самогондун айынан элүүгө чыгып-чыкпай чал атыгып жатпайбы. Ата, ушу шайтан келинди бир... "Макулун келтирип алып, анан бокко жарабай абийирим кетпесин, кой, дайыны жок аңгиленбейин" деп бир топ кызуу болсо да Ашым ушинтип акылга келди...

Бака-шака той уланат. Кучакташканы бар, бири-бирине тийишкени бар. Эт боркулдайт, самогон байма-бай куюлат.

***

Гүлмайрам эртеси келин болуп турду. Жанында Алтынбеги аздап коңурук тартат.

***

Экөө былтыр эле киришкен университетке. Ошол жерден таанышып, биринчи күндөн бири-бирин жактырышты. Ар дайым аппак көйнөк, капкара шым, жалтылдата тазаланган күрөң туфли кийген узун бойлуу жигит Гүлмайрамга дароо жакты. Бөтөнчө орду менен сүйлөгөнү, көп нерсе билгени... Мына эми экөөнүн таанышканына жыл айланбай баш кошуп отурат.

Гүлмайрам бөлмөнү тегерете карайт. Маңдай-тескей эки дубалына полго салчу паласты тагып салыптыр, полдо ошондойдон бирөө. Бурчта кичинекей шифоньер, нечен жыл өткөн, анан кыз-күйөөгө таккан көшөгө. Бөлмөдө башка эч нерсе жок. Табарсыгы небак толгон, жанатан бери сыртка чыгалбай, сырткы үйдө ажырымсыз бака-шака. Кебетеси таң атканча укташкан эмес го...

Эми чыдашка болбой калды. Гүлмайрам жоолугун чекесине түшүрө салынып, этек-жеңин түздөнүп, жаны оозуна келе сырткы үйгө чыкты.

- Апий, өлүгүңдү... Ай, ар нерсенин шааниси болот. Бу эмне, жанагы ким менен кимдин жатканынын эсеби жок обшитиң бекен, ыя?! Сийгизгенге жеңе-пеңеси колтуктап чыгарат. Тарбия көргөн эмес го кебетеси! - бул ачуу сөздөрдү Алтынбектин энеси, Гүлмайрамга кайнене болгон, элүүгө чыгып калган Мээркан айтты.

- Баса десең... Тебелеп-тепсеген кандай неме бу? - дагы бир катын кошумчалады.

- Өлүгүңдү десе... Жүгүнбөйсүңбү, ботом! - үчүнчүсү кошумчалады.

Гүлмайрамга бу сөздөр ок болуп тийсе да, кайдан айла тапты. Үн катпай, сыртка чыкты. Жоо чапкандай короо экен. Эптеп огород жактагы жыртык мүшөк-сүшөк менен корулган туалетти таап, кирип чыкты. Эми үйгө кайра кириштин тозогу бар. Ал аңгыча жанагы үйдөгү үч катын чыкты. Бири:

- Эй, жаңы келген келин деген кичине арыдан-бери болбойбу, ыя?! Сен эмне адыраңдайсың? Бу жерде кайнене деген бар, кайын жеңе деген бар, көзгө илсең болбойбу кичине! - деди жулкуна.

Гүлмайрамга бу айтылган сөз баарыбир эле, табарсыгы бошоп, жаны жыргап турган. Анын үстүнө эрке өссө да акылы менен өскөн неме талпайган мас аялдардын сөзүн "быш" дебейт эле. Тигилерди делдирете:

- Эмне, сийгизбейсиңерби! - деп түз эле айтып салды түз айтып көнгөн намыстуу кыз.

Кайнене туттуга түшүп, анан гана тилге келди:

- Э кокуй, эмне дейт?!

- Сийгизбейсиңерби дейм!..

- Атаны өлүгүңдү көрөйүн ай-йе! - кайнене не кыларын билбей, кайсактай түштү эле, дал ошол маалда оңдой берди болуп Алтынбек чыга калбайбы. - Ай, өлүгүңдү көрөйүн чечек, бу кайдагы жалапты апкелгенсиң, ыя?!

Алтынбекке бу сөз октой тийди:

- Апа, эмне деп жатасыз уялбай...

- Уялбай дейт, алдагы жалабыңа айт ал сөзүңдү!

Алтынбек башка үн катпады, түз эле Гүлмайрамды келип колдон алды да, огороддун тээ бурч жагына жетелеп кетти.

- Экинчи үйгө жолочу болбогула, өлүгүңдү көрөйүндөр! - деп шаңшып атат Мээркан, жанында эки катын коштойт. Үчөө тең ылжып мас эле...

***

Гүлмайрам бир бүлөнүн жалгыз кызы. Окшошконго мушташкан болуп, эки жыл мурун милийса болуп иштеген атасы авариядан кайтыш болгон. Аты Жыпар эле. Апасы мектепте иштейт, турмуштары жакшы. Малдуу эле, атасы өлгөнү мал да кете баштады четинен. Гаражда атасынын машинеси турат жаңы бойдон. Чолпонатанын чок ортосунда да бир үйү бар. Өздөрү айылда турушат. Атасы барда Чолпонатадагы үйдү квартирага берип турушчу. Быйыл да беребиз деп апасы экөө сүйлөшкөн, антпесе талкалап кетчүдөй. Атасы нечен жыл милийсада иштеп, анча жулунбаса да, дүнүйөнү биртоп эле топтоп салган. Өлгөндүн өз шору экен, кара ашын, жылдыгын азыркы кыргыз айткандай жакшы берди, экиден жылкы союлду. Граниттин мыктысынан тандап, килейте эстелик коюшту. Ошентип ырым-жырымдар бүтүп, эстегенде көздөн жашты чууртуп жүрөк эзмей. Гүлмайрамдын апасы кудай берген адам, оозунда эки ооз уруш сөзү жок, ар сөзүнөн жакшылык аңкып турат. Аты - Калыйпа. Анан боорукерлигин айтпайсыңбы. Жети бир туугандын ортончусу - үч кыз, төрт эркектин. Бу жетөө тең бири-бирине үйрүлө түшүп турушат. Бир туугандар деп ушундайларды айтчудай.

Гүлмайрамдын атасы да ичинде арамы жок, айкөл жигиттердин бири эле. Калыйпа экөө окшошуп табышкандай бир бүтүн болуп жашашты. Жыйырма жылдай чогуу жашап, бири-бирине жарым ооз жаман сөз айтышпады. Адамдыкты айтсаң, адамдыкты издесең дал ушул экөөнүн дилинен тапкандай эле. Анан тагдырың бир ыйык, эч кимге зыяны жок, жакшылыгы агып турган бүлөнүн ташын талкан чыгарды. Жыпар көз жумду, анысы аз келгенсип, илгеркиче айтканда, "көлөкө жерге багылып, көкүлгө шуру тагылып" бөпөлөнгөн жалгыз кызы жөнсүз жерге барып отурбайбы...

Карымшак ата-бабасына жалынып жатып Үсөн байкеси менен жеңесин ээрчитип келди... "Ачуубасардын" маселесин кеңешмек. Төркү үйгө ончактысы отуруп, таттуусу эмес, боорсогу да суюлуп, ар-ар жерде жаткан дасторкон. Кепти Карымшак баштайт да, ичинде небак бар:

- Үсөн байке, сизге ырахмат! Тойду тойго улантып бердиңиз. Өмүр өткүчө кулуңуз болоюн! Эми "ачуубасар" деген балээси бар экен, ошону...

Үсөн Карымшактын кебин бүтүрткөн жок, бир тийди:

- Эй, кейбир, ушу сенде уят деген барбы, ыя?! Балканактай койду алдың, бир мүшөк унду акчага кошуп алдың, эми дагы эмне керек, ыя?!. Эми "ачуубасарыңа" да мен апкелип берейинби. Тапкан экенсиң берешен келесоону, тур, кеттик! - деп кемпирине бир акырая карады да, жулкуна чыкты үйдөн. - Айбан тура нактале!

Үсөн чыгып кеткенден кийин Мээркан:

- Ушу каапыр акемдин ниети жаман. Чириген дүнүйөсүнөн, короо толо койунан бир аз чыгым болсо өлбөйт эле го. Мына, Карымшак тири турса эртең эле кутулбайбы, үйүн салышып... деле ууру кылсак да кутулбайт белек.

- Ооба, кутуласың... - Бу сөздү башынан эле үн катпай отурган Тотош айтты. Өз аты - Токтогул. Мээркандын бир тууган иниси, жашы кырктарда. Жашынан эмгек кылып, көчөнүн тентегин кылбай өсүп, азыр малын багып, жерин иштетип тың жашайт.

Мээркан жооп берип турду:

- Анда сен кутултпайсыңбы, уялаштыгың кайсы?!

- Кутултса кутултам эле, анын эмнеси бар экен?! - деди. - Болгону ошо бир кой, эки миң сомуңбу, турат даяр!

- Арак-шарабы, таттуу-паттуусу да болот, - деди чай менен самогонду кезеги менен алып отурган чай куйган жаш келин.

- Анысы да болот, - деди Тотош, - машинем менен барабыз, кай жерден экен?

- Чолпонатадан ары дейт. Айылынын аты бирдеме деди эле... - деди Карымшак.

- Эми аны сурап аларбыз, кана, ким барат? - деди Тотош.

Мээркан айтты:

- Карымшак, Үсөн аке, анан өзүң баратпайсыңбы?

- Үсөн аке барбайт, башын кессе да барбайт, - деди Тотош.

- Агалыгы кайсы анда? - Карымшак кабак чытыды.

- Агалыгы кайсы деп коесуз, анын барбасынын себеби дал сизде!

- Мен эмне кылыпмын?

- Сиз эмес, самогонуңуз кылат да.

Баары тең саамга үн катпай калышты эле, Мээркан айтты:

- Акеме өзүм барып бир ирет кадырымды салып келейин, кыйбас...

Кадырын салганы кеткен Мээркандын кеткенинен келгени бат болду. Кыпкызыл болуп чыңалып алган. Үйгө кирип эле айтты:

- Өлүгүн көрөйүн, ошондой акенин! Барам деп абийиримди кетире албайм дейт. Катыны кошо чыгыбатпайбы "барам" деген оозуңан айлансын" деп абышкасын түртмөлөп. Талаада калган өлүгүңдү көрөйүндөр! Аларсыз баралбай калса да эмне болуптур ботом, эй, куйчу, алдагыңдан! - Мээркан чай куйган жаш келинден бир стаканды куйдуруп, дем албай тартты да, оозун гана аарчып койду. Закуске дегенди билбейт экен көбүнесе.

Далай талаш-тартыштан кийин "ачуубасарга" Карымшак, Тотош, анан Карымшактын Табылды деген мындайраак агалары бармай болду. Бу Табылдынын табылганы эле болбосо, кеп-сөздөн куру жаралган, эч кимге зыяны жок киши, жашы жетимиштен өткөн. Анткен менен арагын арактай, самогонун самогондой сого берет, мас болуп оозунан жаман сөз чыкпайт эзели.

***

Карымшак Кочкорго жеткенче эле баштады:

- Ай, Тотош, берекем, бу акем экөөбүздү кууратып өлтүрөйүн дейсиңби?

Сөз эмне жөнүндө экенин дароо түшүнгөн Тотош билмексен:

- Э кокуй, курсагыңар ток, отурганыңар зыпылдаган "Жигули", коңурук тартып уктап кете бербейсиңерби...

- Шылдың кылбай, болсоңчу, Такеме деле убал эмеспи!

Табылды аксакалдын деле эки көзү төрт, бир жутумга. Тотоштун ак көңүлү кармап, жайнаган комоктун бирине токтотту да, экөөнө кырдуу стакан менен таза арактан бирден бастырып, закускесине курут сордурду. "Кана, кеттик" дегенде кыйыла түшкөн экөөнүн түрүн көрүп, жана бирден бастырды.

Ошондон соң "Жигулинин" ичи Карымшактын сөзү менен толуп турду бир чайкайнам, анан арткы орундуктан эки бирдей коңурук угулду...

***

Кечээ кечинде Калыйпага телефон чалышкан, кызы Кочкордун бир айылына күйөөгө келгенин, эми куда болуп калышканын айтып. Ичи туз куйгандай ачышты. Колундагы берекесин бирөөлөр жулуп кеткендей, эми экинчи таптакыр көрбөстөй, түбөлүк айрылгандай сезди. Боздоп алды, ага аралаш эки жыл мурун кеткен күйөөсүн эстеди. Эки кайгы бир келди, бир жерден тогошуп акжүрөк, акдил неменин айласын кетирди. Далайга ыйлап жаткандан кийин өзүн-өзү токтотту. Жакшылык качыра ойлонду. Кызынын барган жеринен бак айтсын. Бүгүн болбосо эртең баары бир кыздын барар жери күйөө экен, эмне кылалмаксың! Кызынын күйөөсү, кайнене-кайнаталары дурус адамдардан болсо болду. Катышып алышса анан ай жаңыртпай Бишкегине барып турбайбы окуусун бүткөнчө. А балким Чолпонатадагы үйүнө келип жашап, ушул жактан иштээр, күйөөсү экөө эпке келишсе... Ыраматылык күйөөсүнүн эки эркек иниси бар, катарлаш эле жашашат. Экөө тең адамдыгы аз жаралган немелер. Бөтөнчө кичүү иниси өтө куу, ичи ушунчалык тар неме. Далай жерде: "Агам өлдү, бүт дүнүйөсү жанагы көпкөн жеңем менен эркеталтаң кызында калды. Агамдын өлгөнү алар үчүн сонун эле болду..." деген сыяктуу уулуу сөздөрдү айтат экен. Бир ирет Калыйпа урушса, "эмне, калппы?" деп кекээрлеп кайра жеңесин ыйлаткан. Ошол Сапардан улуусу Жаанбай антип ачык айтпаганы менен ою Сапардыкындай...

Жакшы кайындарды кайдан табат, булардын болгону да тобо. Калыйпа ыйлап-сыктап бүтүп, ошо түн кирип калганда Жаанбай менен Сапарды аялдары менен чакырып келди. Аз мурун эт салып койгон. Жеңесинин шишиген көзүн бул жерге келгенде көрүштү. Анан эмнеге ыйлаганын угушуп, "ошого да ыйлачу беле, сүйүнбөйсүзбү, күйөөгө кеталбай эмне деген кыздар самсаалап сайда саны жок жүрөт..." дешип жеңесин сооротушту эле, ал дале болбой бир сыйра ыйлап берди.

Эт бышып, туурап жакшы жешти. Кандай болгон күндө да айына бир ирет бул үйдөн тамак ичип турушпаса, бир нерсе жетпегендей жаман болушат. Жыпар тирүү кезинде эки инисиз эт жебей көндүрүп койгон эмеспи. Эртеңки келчү "ачуубасарды" сүйлөшүштү. Ошону менен Гүлмайрамга бакты-таалай тилеп, тарап кетишти...

Бу чөлкөмдө азыр "ачуубасарга" бир семиз кой, бир жашик арак, бир жашик таттуу, анан орточо беш миң сом апкелет. Анан келгендер бир сыйрадан кийинип кетишет, кимисине пальто, кимисине костюм дегендей...

Калыйпанын короосунда байланган эки кара кой бар. Экөө тең куйруктарын көтөралбай турушат. Вареньенин түрү, бал деген кеңири, алманын да не бир түрү бар. Эмнеси болсо да "ачуубасарларды" эми келсе эми, анан келсе анан тосуп алууга кудурети жетет... Ырыскы куюлган үй.

Эртеси саат алтыларда ыраматылык Жыпардын туугандары топтолуп күтүп турган кезде чымкый кызыл "Жигули" келип токтоп, ичинен үч киши түшүп, рулдагысы - Тотош, экинчиси - ушул айылдын ортозаар алкаштарына окшогон кытай кара костюмчан башкуда Карымшак, үчүнчүсү - боз костюмчан суйда сакалы бар Табылды карыя. Июлдун куйкалаган күнүндө бул экөөнөн башкасы көйнөкчөн, тоскондорду кошкондо. Илгертен келаткан шартты жасап, далайга киргизбей койбой, саламдан соң эле, коркутуп-үркүтпөй эле төргө өткүлө болуп калды, - бул Калыйпанын өтүнүчү менен болду.

Ичи оокатка толгон кенен бөлмөгө кенен дасторкон салынган. Үстүндө нелер гана жок, баары бар: коон, дарбыз, куйрук-боор, чучук-карта, куйкаланган тоок, индюк тоңкойот, таттуунун ондогон түрү, вареньелер, бал, табы менен бышырылган боорсок, тандыр нан, дагынкысын дагы санап бүткүс.

Меймандар чай ууртап, жутунбайлы дегенди эстеп, чычая боорсоктон эптеп алган болуп, эки чыны чай ууртагандан кийин "болду, ырахматка" өтүшүп, өтө эле сыпаа отурушат. Аздан соң Тотош чоң кудагыйы Калыйпаны сыртка чакырып, машинедегилерди түшүрүп берейин деди эле, Калыйпа бир келини менен чыгып арак, конфетти ашканага киргизишти. Арагы да, конфети да өтө арзан экен. Калыйпа дароо баш чайкады. Койду сарайга байлап берди Тотош өзү. Орто эттүү ак кой. Анан Тотош шарты кандай экенин териштирбей эле, шымынын чөнтөгүнөн акча алып сунду:

- Эки миң сом, кудагый, таарынбай алып койгула.

- Ырахмат, таарынып... кантип эле... Акчаны үйдөн берчү эле, баарынын көзүнчө, мейли эми. Берди дейин, беш миң сом берди дейин, а сен иним, бирөө сурап калса беш миң сом деп кой, - деди Калыйпа суранып, - биз жакта ошентип келишет...

- Макул, - деди Тотош. Анын эмнеси кетип атты эле, кайра жакшы эмеспи.

Эми үйдөгүлөр кайра чогулуп, чай сунулду, арак куюлду. Табылды аксакал менен жездеси Карымшактын кулагына куюп келген Тотош: "Ченеп иче көргүлө, арак табылат кокуй, абийир кетсе жаман. Арак эле десеңер кайра келгенде ар бириңе бирден жашик алперейин, ченеп ичкиле. Такыр эле ичпегиле десем, колума өлүп бересиңер го..." деп жолдоката ушу сөзүнөн жазбады.

Арак куюлуп, сунулду. Эки куда биртопко кыйнатып, чакан стаканды ортолоп барып коюп коюшту. Экинчиси куюлду, бу жолу кыйнатуу аз убакытты алып, стакан түбүнө түшүрүлдү. Ана эмесе, Карымшактыкы кетти, эми эр болсо токтотуп көрүшсүн. Эч кимге сөз бермей жок. Анткен менен бирөөнө бөөдө жерден тийишпейт. Ичкенден кийин тамак ичмей да жок. Табылды болсо калтырбай ичип, калтырбай жеп созолонот. Эми эмне болор экенсиң деп Тотошто жан жок, жездесин улам карап. Белги берип аздап ич деп айтайын десе, кайниси жакты бир карап койсочу. Барган сайын күүсүнө келип баратат. Онунчуну жалаң төрт-беш менен бүткөнүн, мектепте атаман экенин жаңы эле айтып бүтүп, жана бирди тартты. Эми дүнүйө деген жерге кирсин, денсоолук болсо баары табыларын, кудая тобо, өзүндө кой-эчки, уй-суй биртоп эле бар экенин, буюрса эмдиги жылы Алтынбек уулу менен келинине бир иномарка алып берип коюшу бар экенин, анан да келин-уулуна Бишкектин дал ортосунан эки-үч бөлмө там сатып бербесе болбой турганын, райондун акими, прокурору, соту, милийсасынын начальниги менен табакташ экенин, өзүнүн аптаритети бир районго жетерлик бар экенин айтып келип, кезектеги тостту алды да, эми аялы Мээрканды мактап өттү. Эпадам андан башка аял болсо небак кетирип жиберип, башка аял алмактыгын дагы айтты. Андан соң уулу Алтынбекти мактап, окуусун бүтсө Акүйгө орноштура турганын баса белгиледи... Ал убакта улам бир ысык тамак келет, Карымшак биринен ооз тийбеди. Арак менен ашыра айтылган кептен оозу кайдан бошоду.

Сыртка эс алууга чыгышты. Куданын сөзүнө канып, баштерисин байкаган Сапар "ушундай кудалуу болгонуңа сооп болду" деп Калыйпа жеңесин ичинен табалап жатат. Эми тантыганга өткөн Карымшакка суроо беримиш болуп, огобетер тантытып жатат...

Калыйпа кудасынын кейпин көрүп, уят болуп отурат. Кайра өзүн-өзү алаксытат, "эмне, элдин баары эле ичип жатпайбы, бираз ашыра ичип койбодубу, болбосо дурус эле адам экен...". Чын эле көп сүйлөп, ичкенде таптакыр окшошпогондой мактанганы менен Карымшак дурус адам болчу тээ түпкүрүндө...

Карымшак Сапарга айтып коюп атпайбы: "Эки эле миң сом менен келип калбадыкпы" деп. "Жеңем беш миң сом дебеди беле, көрчү бизди да алдайт, душман көрөт тимеле" деп жеңесине аябай карарып калды.

Бардыгы үйгө кирип дасторкон жыйналып, эт жээрдин алды болуп, колго суу куюлуп жатты эле, Карымшак колун жуумакчы болуп эңкейе берип бети менен чылапчынга жыгылды. "Кокуй" дешип тургузушту. Отура алчу түрү жок. Тотош карылуу эмеспи, жездесин жулкуй көтөрүп сыртка алып чыкты да, огороддогу бир алманын түбүнө "күп" таштады, мүшөк таштагандай. Кудалардан бир-экөө кошо чыгып астына төшөк салалы, үстүнө жабалы десе, Тотош көнбөй койду: "Ушундай жатса тез эс алат". Эт чоң кудасыз желди. Сүйлөнгөн сөз болбоду. Келгендер уялып, тозгондор шылдыңдап турушту Калыйпадан башкасы.

Жат-жат убактысы келип, меймандар орун алышты. Тотош Карымшакты көтөрүп келип татына салынган төшөктүн үстүнө таштады...

Алгачкы короз кыйкырып, таң чала сүрүп калган кезде Карымшак көзүн ачты. Кай жерде жатканынын эсеби жок. Биртопко эстеди да, билди - кудада эмеспи. Башы баш эмес эле кара таш, тимеле иштен чыгып калыптыр. Акырын туруп сырткы үйгө чыкты, ортодо эшик ачык экен оңдой берди болуп, болбосо "кыйч" этип тигилерди ойготуп албайбы. Сырткы үй ашкана экен, бүткүл тамак-аш шкафта, столдо, терезеде, муздаткычтын үстүндө. Карымшак издегенин дароо көрдү, үстөлдүн үстүндө жарым бөтөлкөдөн көбүрөөк арак турат, дароо басты, басканда да стакан издеп отурбай, оозунан кулгутту. Ана эмесе, тарай элек түндөкүсүнө мунусу кошулуп, көзирмемде чылгый маска айланды. Ошол үстөлдүн жанында эмне кыларын билбей саамга туруп, анан үстөлдүн наркы четиндеги дагы бир оозу ачык бөтөлкөнү алам деп эңкейе берип жыгылды, жыгылып баратып жанталашып үстөлгө жабылган жабууну мыкчый кармаган экен, анысы шыпырылып, үстүндөгү чыны-чайнек, кашык-вилка, бөтөлкөлөр жерге жайнап эле жатып калды. Теребелдеги мемиреген тынчтыкта шарак-шурак үн эки эсе катуу чыгып, элдин баарын ойготту, ойготкондо да жер титирегендей же согуш чыгып кеткендей ойготту. Эки-үч бөлмөдөн сырткы бөлмөгө атып чыгып, идиш-аякка аралашып жаткан чоңкуданы көрүштү... Ошол жерден экөө - Калыйпа менен Тотош жерге кирип кете ташташты...

***

Карымшакты үйүнө накта өлүктөй кылып түшүрүштү. Тууган-туушкандар тегиз чогулуп тойдон апкелген тамак-ашты качырышты. Калыйпа пейили кенен жан да, төгүлтө толтура салып берген эмеспи, атүгүл бир козуну сойдуруп бышыртып салган...

"Кандай барып келдиңер?" "Кандай немелер экен?" деген суроого Тотош жооп берип жатат. Карымшак өлүк болсо, Табылды дудук, анда эмненин күнөөсү, ичкендин кулу, эчкимге зыяны жок.

- Кочкорлуктар ит экен дешти го, - деди бир аял сулк жаткан Карымшакты көрсөтүп.

- Эмнеге ит демек эле, эмне, өздөрү ичпейт бекен?! Керек болсо ичкен ошол Көлдөн чыккан, азыр деле кызылдай мас жүрүшөт экен жаш-карысы дебей, - деди Мээркан жулуна. - Ит экен дешсе ит болуп калышсын! Тигине, керек болсо маадемектен кызын алып кетсин, кыз деген саман, делекой ай, буларды, - деп дагы уланта турган болгон эжесин Тотош токтотту:

- Ай эже, эмне эле былжырап жатасың, ыя? Кудалар мыкты адамдар экен. Кантип эле тиги экөөндөй болуп калышсын, - деп жездесин көрсөттү, - көчүгүңөрдү кыссаңарчы!.. Деле ар дегенден эчтеке жок экен да!

Кандай ажаан болсо да, Мээркан Тотош инисинен азга ийменип турду. Түз жүрсө, оокаттуу болсо, анан да эзилбей накта эркектик касиеттери көп болсо, ийменбей көрсүн. Элдин көзүнчө инисинен катуу кагуу жеген Мээркан күчүн арактан чыгармак болуп, кудадан келген чоң сомкедеги арактан бирди сууруп баарын жалдыратып каратып туруп, кудай анын бетин нары кылсын, капкагын тиштеп ыргытып, оозунан эле жарымына чейин жутубийип атпайбы, накта балээ тура. Мындай өлөрман катынды ким көрүптүр, тукумуң соолгур!

- Аялдан чыккан алкаш айбан! - деп Тотош ордунан шарт туруп кетти. - Кудадан айлангырлар десе!

Мээрканга мындай сөздөр эч зыян кылалбайт, таасири нөлгө тең. Тотош чыгып кетери менен айтты:

- Кана, жайнаткыла жайнатчуңарды!

Шыпылдаган эки-үч келин килейген сомкелерди тимеле тытып жиберишти. Дасторкон толо эт, боорсок, таттуу, алма, өрүк, анан беш-алты бөтөлкө арак. Ошол жерде олтурган эркеги да, арты жыйырмага эми толгон келиндер да бири калбай ичет эле, кудадан келген арак үч айланып куюлуп тамам болду. Андан соң каралакаптын түбүн кагынчык кылышып, чөнтөктөр тешилгенче аңтарылып, дагы он бөтөлкө самогон келди. Ал келгенде Карымшак баш көтөрдү эле, бирди жуткуруп кайра түртүп коюшту, эми эртеси таңдан турмай...

Ырга өтүштү, акелер келиндерге, келиндер акелерге тийише ыркесе сунуп, жеңелердин кызганычы алоолонуп кайра бастап, ыр уланды. Аздан соң "өгүнү элдин көзүнчө уят кылып койдуң", "ай, баса, баягы жылы мени эмне деп шыпырылтканыңды кечээ укпадымбы" сыяктуу сөздөр адегенде акырын айтылып, анан "өлүгүңдү көрөйүн!", "сенин өлүгүңдү мен көрөйүн, жок, өлүгүңө сийейин!" дешип, эми катуу кетишти. Бир келиндин колу экинчи келиндин кечээ эле кытай бойогуна бойоткон чачына чап жабышты эле, тиги бир чаңырып алып, беркинин килейген эмчегинен аткый тартты, ал чаңырды. Экөө тура калышты, баары турушту, туралбай кулаганы жарымы болду. Жанагы эки келиндин бири экинчисин түртүп жиберди эле, ал сүрдүгүп-сүрдүгүп барып жаңы эле ордунан туруп таңгала карап жаткан бир акесинин табарсыгын башы менен оңдурбай сүзүп, анысы табарсыгын эки колу менен мыкчый кармап, жерге бүк түштү.

- Оңдурбай салдың, оңдурбай! Эми эмне күндү көрөм, кокуй! Өлдүм, өлдүм, энеңди...

Ага теңтуш бир эркек боор тартып жүрөт:

- Туй, энеңдурайындыкы десе, ай, түз эле ошого таамай тийдиби, же сылай өттүбү, ыя?! Айтсаң?!

- Түз тийбесе экиленип атат дейсиңби, мээлегендей тийгизбедиби тимеле, ох-х, жаным көзүмө көрүнүп кетти, энеңди!..

Эми эки эркек кармаша кетти, жанагы келиндердин күйөөлөрү экен. Эки келин менен эки эркекти арачалаганга табарсыгы болбой калгандан башкасынын баары келишти. Төрдө жаткан Карымшак менен кудадан дудук болуп бутуна араң туруп келген Табылды карыяны тимеле тебелеп-тепсеп жүрүшөт. Мындайда Мээркандан өтөрү жок, жүз кил ашык бойлуу неме эркегин эркектей, аялын аялдай кежиге менен көчүктөн алып ыргытат. Дал ошентип бир эркекти ыргытты эле, ал эшиги жок наркы бөлмөдөгү жаңы келген келинди баса жыгылды. Чочуган келин кыйкырып жиберди. Көшөгө үзүлүп кетти. Көшөгөдө "жеңелеп" отурган үч-төрт секелек кыз ыргып келген эркекти колдон, буттан алып сырткы казат болуп аткан бөлмөгө сүйрөп коюшту. Ошол учурда бирөө:

- Эй, энеңди, бөтөлкөнү сындырдың! - деп катуу айкырды эле, тополоң болуп жаткандар тып токтоп, үн чыккан жакты карашты. Бир эркек бир бөтөлкө самогонду кучактай кармап туруптур, бирөөнүн бутунан куласа керек.

- Кана, ыстаканыңарды тосо калгыла, ушул акыркысы окшойт, - деди тиги.

- Оозуңа таш! Акыркысы дегенин...

- Куй, куйчуңдан!

Кармаш тып басылып, баары кайра отурушту. Үн-сөз жок.

- Оңбой калдым окшойт, - деген гана үн чыгат бурч жактан.

- Аке, сизге эмне болду? - дейт бир келин.

- Сага кантип айтам... - дейт акеси.

- Байболгур, сен сурачы, - дейт келин күйөөсүнө.

Ал сурайт:

- Аке, эмне болду сизге?

- Эмне болгону да курусунчу, табарсыгым болбой калды.

- Эмне, ооруп жүрдү беле?

- Оорубай эле жүрчү, сопсоо эле, тиги келин башы менен оңдурбай сүзүп салбадыбы, - сүзгөнүн көрсөттү.

Ошо сүзгөн келиндин күйөөсү аялын демитти:

- Эй, энеңдурайын, анысын эмне сүзүп жүрөсүң, ыя?!

- Атайылап сүздү дейсиңби, тиги шерменде түз эле ошол жакка түртүп жиберибатпайбы, бетпак. Болбосо өзүм эле ошол жерди сүзүп жинди болуптурмунбу!

- Сүзгөн жерин, энеңди десе! - деп күйөөсү аялын чала-була бир шилтеп алды.

- Ошерди атайылап кантип сүзөйүн... - аялы ыйламсырайт.

- Оңбой калдым, - дейт кайра эле табарсыкка жеген неме.

- Оңбой калганын кайдан билдиң, антип жаман жорукту баштабай жөн отуруңузчу, - деди дагы бир жигит.

- Ой, мен эмне анткорлонгондой катын белем, оңбой калганын сезип жатпайымбы, кокуй!

- Ай, дайны жок жаш келиндерге догурунганыңды койсоңчу, оңбой калды дейт, мурун оңуп жүргөнсүп, - бу ачуу сөздү Мээркан балп эттирди.

- Сен Мээркан, адамды шылдыңдаганыңды кой, мурун кандай экенин ээси мен билемби же сен билесиңби?!

- Ой, болдучу деги, эртең төлөтүп берейин.

- Кандай болсо да оңбой калдым, - деди тиги дагы эле басылбай.

Аз тынчыгандан кийин баары бир ооздон жанагы табарсык сүзгөн келинди акесинен кечирим суратмай болуп каптап өтүштү эле, тиги келин акчаны өзү кармачу күйөөсүнөн беш бөтөлкөлүк акча алып, бат эле беш самогон көтөрүп келди.

Колундагы стаканды көтөрүп жатып Мээркан айтты:

- Табарсыктар тарсылдап сүзүлө берсин үчүн алалы, кана, алып жибергиле!

- Тилегиң ташка тийсин! - деди кокуйлаганы басылбаган жанагы оңбой калган неме, - сеники сүзүлүп калсын, энеңдурайын жалап десе...

Мунун сөзүн Мээркан дааналап укпай калды, болбосо "болбой" калган жерин жулуп алмак...

Той тээ таңга жуукка чейин уланып, кеткени кетип, калганы туш-тушка сулап калышты...

Мына ушул жинди тойдо Гүлмайрам баарын укту, мындай болорун билбептир, ушундай жинди кишилер болорун, бөтөнчө аялдардын сөздөрүн, ызы-чууну таптакыр дилинен өткөрө албай койду. Өзү жинди болуп кете таштады. Күйөө сөрөйү Алтынбек жолдош балдарымдыкына барып келем деп, а да таңга жуук келди, кайдагы бир кырсыктуу калпты айтып, а чынында таңатканча акчага карта ойноп, бүт акчасын шыпыртып келбедиби...

Алтынбек келгенде Гүлмайрамдын көзү эми илинейин деп турду эле, ойгонуп кетти, эч нерсе айталган жок. Бул жерде жиндикана болгонун да айтпады, кайда жүрдүң деп да сурабады, Алтынбек өзү айтып кирди эмне кылып жүргөнүн.

***

Гүлмайрам кандай жерге келин болуп келгенин экинчи күнү даана түшүндү. Байлыкты кой, күндө керектелчү буюм-теримдери да кем бүлө экен, жадагалса кашык-табагы толук эмес. Бир жаман шифоньер менен бир буту улам тайый берчү столдон башка жыгач-таш жок. Тамтыгы чыккан төшөнчү жыйылган кара сандык, анан жерге салынган эски-уску кийиз, палас, ашканасын кошкондо төрт бөлмө үйдүн ончакты терезесинде ар түрдүү парда, киринен өңү билинбеген торпарда, жөнпарда, бир терезеде эчтеке жок, гезит менен чаптап салыптыр... Ушундай үй болорун Гүлмайрам чынында көргөн эмес, көрчү эптеп жашаган бүлөлөрдү, бирок ушундай кантип болсун...

***

Алтынбек экөө четтил факультетине кирип, бир группага туш болушту. Гүлмайрам Алтынбекти биринчи көргөн күнү эле жактырды. Узун бойлуу, капкара чачы жылтырата таралган, кардай аппак көйнөк, көмүрдөй кара шым, жылтырата сүрүлгөн туфли. Сүйлөшө кетишти эле, ар сөздү орду менен айтып, анан да көп нерсе билерин көрсөтүп турду. Алтынбек да койкойгон татына кызды сүйүп турду, ошол эле күнү...

Экөө бир жылдай сүйлөштү. Алтынбектен акча өксүбөйт, таза, жакшы кийинет. Жакшы турушат го деп ойлоп коет Гүлмайрам, "кандай турасыңар" деп сурамак беле. Алтынбек болсо Гүлмайрамдын эне-атасын, туугандарын, канча үйү, малы барын, дегеле койчу, баарын-баарын билип алган. Өмүр бою оокат көзүнөн учуп чоңойгон немеге ушундай оокаттуу бүлөнүн кызы керек эле. Ал эми өзүнүн акчалуу жүргөнү, дурус кийингени үйүнө барып ата-энесин шорун катыра кыйнап, карыздатса да чоң акчасыз келчү эмес. Биринчи курсту бүтүп эле Гүлмайрамды алып келгени - кокус башка бирөөнө алдырып жибербейин дегени эле...

Гүлмайрам жалгыз аялдын аялуу жалгыз кызы. Айылда алты бөлмө заңгыраган үйү бар, мансардасы менен. Жүзгө жакын түп алма, алмурут, эки уй, үч-төрт торпок, жыйырмадай кой... Жапжаңы "Жигули", Чолпонатада төрт бөлмө огород-жайлуу үйү, атургай Гүлмайрамдын папасынын Бишкекте турчу агасында беш миң доллар бар. Папасы өлөрүнөн мурун "кийин Гүкүмө үй сатып бер, ыгын келтирип" деп берген. Алтынбек аны да билет. Кеп кыскасы, Алтынбек эми кор болбойт. Кайненесине гана жакса болгону, калганы дайын экен...

***

Гүлмайрам сөздү түз айтып көнгөн да, беш-алты күндөн кийин Алтынбек экөө үйдө калганда минтип эле түз айтты:

- Алтынбек, үйүңөрдө жыйначу деле эч нерсе жок экен, бирок аябай кир басыптыр, экөөлөп жууп-тазалайлы, антпесек, мен келгендерден уяла берчүдөймүн.

- Эл катарлуу эле оокатыбыз бар болчу, атам кредит алып, анан анысын уурдатып ордуна бүт мебелди, телевизор, холодильник, килем-силемдердин баарын берип кутулбадыкпы, - деди Алтынбек шыпырылтып, анан дагы бир жанын жеп минтип кошумчалап койду: - Ошонун айынан апам менен атам ичип да кетишпедиби... Ушинтип карабашын жеген Алтынбек кабак-кашым дебей Гүлмайрамдын мээсине чай кайнатып, орусча айтканда, кулагына кесме илип таштады.

- Кап, жаман болгон тура, - деди Гүлмайрам, - азыр кредит алгандардын көбү күйүп кетип, үй-жайынан ажырап жатышпайбы.

- Дагы бизди кудай сактады, үйүбүз үстүбүздө... - Алтынбек жеңилдей түштү Гүлмайрамды ишендирип алганына.

Экөө эми төрт бөлмө үйдү тазалоого киришти. Алтынбекке терезелерди жуудуруп, өзү пардаларды жууду, анан жаман-жуман кийиздерди сыртка күбүп, жайышты. Андан соң төрт бөлмөнү алеки саатта актай салышты, полун самындап жуушту.

Карымшак менен Мээркан кайсы бир тойдон кеч келип жатышты. Эртеси эрте турган экөө тең үйдө бир жаңылык болгонун сезип, бирок эмне экенин билбей жатышат. Аңгыча Алтынбек чыкты эле энеси:

- Ай, бу үйдү эмне кылгансыңар? - деди түндөгүнүн көрөңгөсү оозунан буркурап.

- Эмне, көрбөй турасызбы, жууп-тазаладык, актадык, - деп Алтынбек тултуңдай сыртка чыгып кетти.

- Кыйратып койгондой болгон өлүгүңдү көрөйүндөр, өзүм деле жууп-тазалап алмакмын, силерге күч кылдырбай, деле кой буларды!

Гүлмайрам да ордунан туруп, сыртка чыгып жуунуп-тазаланып, анан чай даярдады. Колго жасалган электр плитасына кайнатат чайды. Чай кайнап, дасторкон салынды, печкада чийки бышкан бир нан, анан түбүндө бир-эки кашыктай канты бар тарелка коюлду. Башка эч нерсе жок. Гүлмайрам чай куюп берип отурду, өзү бир чыны чай ууртады. Кайнене каймактап чай ичкенсип, каадалана отуруп ичти чайын. Тарелкадагы шекердин жугумун көңтөрүп салып алып, тарелканы ыргытып койду. Бир маалда Гүлмайрамга кайрылды:

- Ай, сенде жаңыраак жоолук жок беле, жентек тойго алпарганга ылайыктуу эч нерсе жок болуп турат.

- Азыр, - Гүлмайрам ички үйгө кирип чемоданынан бир сонун гүлдүү жоолук апкелип кайненеге сунду. Ал жоолукту алып жанына таштап койду. Бу кыкка арзыбаган нерсе дегенди билдиргиси келет. Деле ардан эч нерсе жок жаралган аял го бир...

Чай ичилгенден кийин кетти экөө ээрчишип. Азыр июлдун орто чени, элдин баары талаада, огород-жайында. А бул экөө иштесе бирөөнүкүнөн иштейт, акчага, көбүнчө самогонго эле. Өздөрүнүн эки гектардай жери бар, арендага берип, акчасын бир аптада ичип бүтүшөт, мектепке барчу үч кызынын кийимдерин бүтөгөн болот. Огородуна да эчтеке айдашпайт. Эч болбоду дегенде пияз-сияз, картошка айдап койсо жеп турушпайт беле.

Экөөнөн кийин Алтынбек кетти "бат эле келем" деп. Гүлмайрам калды жалгыз, түштө эмне тамак жасайм деп. Ашканада болгон нерселерден аңтарып эч нерсе тапкан жок. Өткөндө Үсөндүкү берген бир мүшөк ундан калганы бар экен, башка ныпым эч нерсе жок, жадагалса бир кашык майдан куру. Гүлмайрам ушундай абалды көрүп, үйүнө кеткиси келип кетти, бул үй-бүлөдөн жийиркенип кетти. Жок, жокчулукта жашагандарына эмес, үйүндө эч нерсе жогун билип туруп кебелбей туш-тушка басып кеткендерине күйдү. Ундан башка эч нерсеси жок үйдү биринчи жолу көрүшү. Жок эле дегенде эки-үч тоголок картошка, пияз, анан жарым бөтөлкө май болбойбу да...

Гүлмайрам өздөрү жаткан бөлмөгө кирип кошелегун аңтарды, үч жүз сомдой акчасы боло турган, жыйырма беш сом эле калыптыр. Калганын Алтынбек шыпырган, андан калганын тогузунчуда окуган Канышай деген карындашы алган. Акчаны ким алганын даана билбесе да, бул бүлө уурдагандан уялбай турганын билди Гүлмайрам.

Жаш келин ыйлайын деп ыйлай албай, көңүлү таптакыр чөгүп, эмне кыларын билбей биртопко отурду да, анан ордунан шарт туруп камыр жууруду, пирожки жасайт. Камырын жууруп болуп, көчөгө чыкты. Кайынсиңдилери да жок, каникулга тараганы менен мектептин ремонтунда жүрүшөт экен экөө, үчүнчүсү - төртүнчү класска көчкөнү энеси менен кеткен.

Гүлмайрамдын колунда уурдалгандан калган жыйырма беш сом. Дүкөнү кайда болду экен деп кайда басарды билбей турду эле, бир ойноок бала чыкты маңдайкы үйдөн, кыйын чычым экен түз эле сурады:

- Сизди Алтынбек байкем апкелдиби? Аял кылып апкелди, ээ?

- Ооба, - деп күлдү Гүлмайрам, - атың ким?

- Сейтек.

- Ий, жакшы бала турбайбы. Сейтек, быякта базар барбы, же дүкөн?

- Базар да, дүкөн да тээтиги жерде. Тигине, тээтиги көк машине турбайбы, ошол жерде. - Бала эки жүз метрдей нараак жерди көрсөттү, - бирдеме керек болсо мен эле чуркап барып апкеле коем...

- Ырахмат. Мен өзүм эле барайын.

Гүлмайрам базарга келди. Эки катар текчеде ончакты адам соода кылып жатат. Бир дунганың бу айылга да жеткен экен. Жашылча-жемиштин баары эле бар экен, башка продуктылар да жайнайт. Гүлмайрам ошол жердегилерди таңгалдырып үч жүз грамм өсүмдүк майын, анан калган акчага картошка, пияз алды, бир чымчымдай кызыл мурчту да унуткан жок. Үйгө келип картошканы бышырды, пиязды куурду, картошканы эзип пиязды аралаштырды. Аңгыча камыр ачып калган экен, пирожки жасап, казанга отту улуу жагып бышырды. Анан аларды жылуу турсун деп табакка салып үстүн тумчулады. Чайын кайнатып, үйүндөгүлөрдү күттү. Бекер күтүптүр, түшкү тамакка эчкимиси келген жок. Өзү эки пирожки жеп, бир чыны чай ичти да, жатып алды...

***

Гүлмайрам катуу уктаган экен, кажы-кужудан ойгонуп кетти: эрди-катын эки эргул келиптир, ээрчите келген дагы үч-төртөө бар өңдөнөт. Колдоруна эки-үч бөтөлкө тийген го, болбосо минтип топтошуп келбейт эле.

- Ай, барсыңбы?! - деди үнүн катуу да, кекээрдүү да чыгарып Мээркан. - Ит келдиби, киши келдиби эсеби жок кылбай, дасторкон салып чай бербейсиңби, ыя?!

Гүлмайрам бу сөздүн өзүнө багышталганын билди да, жоолугун салынып сырткы үйгө чыгып дасторкон салды.

- Ай, жүгүнбөйсүңбү эл-журтка, - деди Мээркан. - Узабай каласың эмитен ошентсең!

Гүлмайрам үнкаткан да жок, жүгүнгөн да жок, эки жерге бышырган пирожкисин койду. Башка коер эч нерсе жок. Анан чайнек коюлган плитканын жанына барып чөктүштү, кайнаса куюп берет. Кайнене-кайнатасынан сырткары дагы эки эрди-катын экен. Стакандарды өздөрү алып эле куюп иче башташты.

- Азыркы келиндерде кенедей ыйман болсо башымды туура кесип берейин, - деди бир катын.

- Ошону айтсаң, - деди экинчиси коштоп, - жүгүнүп койсо бели сынып калат беле, ботом. Эмитен ушинтсе... Мээркан, жыргаган экенсиң...

Кызуу Мээрканга бул сөз сонун айтылбадыбы, кесир да, кекээр да сүйлөдү:

- Ушинте бере турган болсо, тим эле машаяктан туулса да, жоготтурам! Муну көр, ай! Селпейген өлүгүңдү!..

Гүлмайрам ордунан шарт туруп сыртка чыгып кетти. Ыйлагысы келип жарылып кетчүдөй болот.

Мээркандын сөзү күчөйт:

- Өлүгүңдү көрөйүн, бу шерменде дегеле тарбия көргөн неме эмес. Кайдагы бир шуркуяны алып келген жанагы жинди уулум. Кой, мындай немени эртерээк жоготпосок накта балээ басат, жанагы үч кызым муну көрүп жинди болушпайбы, кокуй! Кана, алып жибергиле, амансоо бололу!

Алтоо тең алышты. Сөз жалаң гана бузулган келиндер жөнүндө болду. Тезинен Мээркан келинин кетирбесе, кийин кеч болуп калат дешти берки эки катын. Кетирбесе эмне жамандык болорун деле билишпейт, ал жөнүндө ойлонушпайт деле, жөн гана "самаштан" чыккан сөз, анын үстүнө өздөрүн жоготчу аялдар болчу да, айылга атагы чыккан. Оңунан эмес, солунан...

- Ай, жөндөн-жөн эле кетире бермек белек, - деди Карымшак, - түз эле келин го...

- Түз деп коет, - деди Мээркан. - Эй, түз болсо жок дегенде кайнатам экен деп сага жүгүнүп койбойт беле. Карачы муну, үйдө бир тыйын жок отурса мынча пирожкини саттырып келиптир. Жанагы өлүңдүкөрөйүн Алтынбекти мурундан чүлүктөп алган го, эмитен эле.

Эми бул алтоо айылда "мурундан чүлүктөлгөндөрдү" санап, ар бирине сын берип жатышты. Андан кийинки сөз түгөнүп бараткан самогон жөнүндө, дагы эки-үч бөтөлкө керектиги жөнүндө болду.

Гүлмайрам куурай баскан огороддо наркы-терки баскан болот. Мамасын аябай сагынып кетти, папасын эстеп көзүнө жаш алды. Эки сөзүнүн бири "менин аппак кызым, берекем" болуп турчу эмес беле. Келгенине бир жума айлана электе жанагы ичкиликтен көзү ачылбаган кайненесөрөйдөн эмне деген гана кептерди укпады. Анын сөздөрүн ичинен кайталап, өрттөнүп кете жаздады... Эртең кетип калсачы? Кайсы акча менен кетет? Ажырашып келдим десе апасы айылга аябай уят болот го... Анын жүрөгүн оорута албайт... Гүлмайрамдын ою уйгу-туйгу, бороон... Ушул бүлөгө бөөдө туш болгонун түшүндү. Баары бир бул бүлөдө өзү үчүн орун жок экенин даана түшүндү. Жашай албайт мындай бүлө менен. Алтынбекчи? Аны да түшүнбөй калды. Жаңы колукту алган неме үйүнөн чыкпай колуктусуна шынаарлабайбы... Күйөөгө чыккан турмушту жалаң майрамдай элестеткен Гүлмайрамдын деми эми сууду. Бишкектен көп эле көрүп жүрбөйбү, үйлөнгөн эки жашты салган машинени ээрчип жыйырма-отуз машине тынымсыз сигнал берип зуу өткөндө эмне деген гана керемет... "Бакыт үйүнүн" маңдайындагы баш кошкондор топ-топ болуп сүрөткө түшүп, тарсылдатып шампан аттырып, видеого тартылып, аппак көйнөктүү колуктуну аяр көтөрүп баскан күйөө бала... баары, баары Гүлмайрамга жомоктогудай көрүнчү. Өзү Алтынбекке барганда ошондой салтанат болот деп чала-була элестетип да койгон. Мына сага салтанат... Салтанат болбосоң кое кал, самогон сасыган, сөгүнгөн сөздөр жаңырган, жийиркенттирген...

Кеч кирип күн суугуна тартты. Бул жакта кечкурун жайсаратанда да суук. Жалаң көйнөкчөн Гүлмайрам калтырап үшүп кетти. Үйгө кирейин дейт, жанагылардын үстүнөн кантип өтөт? Же жанагы күйөө сөрөйү да жок. Жолдошторун эми эле көрө калгансып, "жолдошторумдукуна барып келейин" дейт да, түн ортосунда, кай бирде таңгажуук келибатпайбы.

Гүлмайрам эми таптакыр чыдабай кетти сууктан. Эмне болсо ошо болсун деген чечимге келип, үйгө шыр кирип жанагыларды бир карап койбой өз бөлмөсүнө жетип төшөккө кулады да, тумчулана чүмкөнүп алды. Эми эмне дешсе ошол дешсин. Бу кезде күйөөсү Алтынбек соцфонддо иштеген бир татына келиндин кучагында жаткан. А келинге Алтынбек онунчу окуп жүргөндө эле кабылган болчу. Бүгүн акчасынын баарын уттуруп, ошол келинден акча сурап барган. Келин сураган акчаны берерин берип, Алтынбектин өзүн жибербей койду. Анысы карта кумарына эми жетип барууга кандай гана жанталашты дейсиң, бирок келиндин кумары жеңип кетти. Оңой эмес келин эле да...

***

Түн ортосу болуп, самогондошкон алтоонун самогонунан акыркы бөтөлкөсү калып, ал стакандарга куюлганда бир катын Мээркандан сурап калды:

- Ай катын, тиги келиниң кыз келиппи, же?.. - деп.

- Э өлүгүңдү көрөйүндүкү, аны ким текшериптир. Э кокуй, кыз эмес келип, шермендебиз чыгып жаткан жокпузбу? - Мээркан чоң кызуу да, ордунан эптеп туруп Гүлмайрам жаткан бөлмөгө кирип, ал жамынган жуурканды сыйрып алды:

- Ай, өлүгүңдү көрөйүн шерменде, сен бизге кыздыгың менен келдиңби же Бишкегиңе таштап келдиң беле?! Кана, чыныңды айтчы? Азыр айтпасаң, үйдөн кууп чыгам!

Гүлмайрамдын жүрөгү да түштү, жини да болуп көрбөгөндөй келди. Антсе да үн катпады. Ордунан туруп сыртка чыгып кетти.

- Унчукпаганы - мойнуна алганы, - деди бир катын, - абийириң кеткен экен ээ, Мээркан.

- Эртең эле жоготом! - деди Мээрканы.

Эми алтоо самогонду кайдан, кантип апкелүү маселесине өтүп кетишти. Оңой менен мас болуп оңколобогон немелер эмеспи...

Гүлмайрам көчөгө чыкты. Кайда барат? Кайда бармак. Бөпөлөтө багылган кыз тозокко түшкөндөй болду. Ыйлады. Анан бир чечимге келгендей, жана базарды айтып берген бала чыккан үйдүн короосуна кирип, үйдүн эшигин какты. Аз өтпөй эшик ачылып, отуздардан өтүп калган татына жүздүү келин таңгала карап турду.

- Мүмкүн бекен, эже, - деди Гүлмайрам жашын сүртүп.

- Кир, кирегой, - деди үй ээси Гүлмайрамды ичкери өткөрүп. Сырткы үйдүн дал ортосунда коюлган үстөлдө тамак ичип отурган экен, кемпир, анан бир мурутчан жигит, кейпи келиндин күйөөсү го, анан жанагы Сейтекмин деген бала.

Үй ээси келин Гүлмайрамга орундук жылдырып отургузуп жатканда, Сейтек айтып калды:

- Эне, бу эжем Алтынбек байкемдин аялы болот.

- Болсун айланайын, келегой, - деди жетимиштен өтүп калган кемпир.

Бат эле Гүлмайрамдын алдына тарелкага куюлган тамак келди. Ал тамакты тартынбай, жакшы ичти. Тамак ичкенден экиленчү эмес, анын үстүнө курсагы да ач эмеспи. Тамак ичилип бүткөндөн кийин чай куюлуп, эми кепке өтүштү. Кемпир сурады:

- Кайжердин кызы болосуң, балам?

- Көлдөн болом.

- Болсун, айланайын. Карымшак келин алыптыр деп эле булардан уктум. Маңдай-тескей кошуна болуп туруп да, жакшы киришип-чыгышпайбыз.

"Бул жерге эмне келди болду экен, эмнеге ыйлады экен" деген суроо үйдөгү төртөөндө тең бар да, аны түшүнгөн Гүлмайрам өзү айтты сураттырбай:

- Бешимден бери ичип жатышат. А мени болсо үйдүн ээси кууп чыкты. Баары мас. - Кайненесин "үйдүн ээси" деп айтты, кайненем деп айталмак эмес, эми эч качан айтпас! - Анан кайда барарымды билбей, сиздердин үйгө келбедимби, кечирип коюңуздар... - Гүлмайрам бул боорукер адамдарга эреркеп кетти көрүнөт, буркурап ыйлап жиберди. - Таң атса кетем го...

Үй ээлери жаш немени эмне деп соороторду билбей турушту да, анан төртөө төрт жактан сооротуп жатышпайбы... Ошол күнү үй ээси келин Гүлмайрамга диванга жумшак төшөк салып берип, анын сырын бүт укту, Гүлмайрам да эч нерсе жашырган жок. Ошондо келин айтты:

- Алтынбек жакшы бала эмес, чоң жаңылыпсың ушуга келип, - келин да ачыгын айтты ушинтип. "Алтынбек начар бала" деген сөздү Гүлмайрамдын биринчи угушу. Анын баскан-турганын, жароокер сөздөрүн, келечек сонун пландарын, татына өңүн эстейт... Жаман экенине ишеналбай, ага кыялбай жатат. Үй ээси келин Гүлмайрамга аябай жакты, таза адам эле. Экөө тээ түндүн бир кыйласына чейин сүйлөшүп, анан уйкуга кетишти.

***

Алтынбек үйүнө таңга жуук келди. Гүлмайрамды ойготпоюн деп акырын төшөк тартып жатты. Төшөктө киши жок экен. Жүрөгү шуу дей түштү. Балким заара кылганы чыккандыр деп биртопко күттү. Жок. Кийинип сырткы үйгө чыкты - ата-энеси экөө эки жерде сулап жатат. Сыртка чыгып огородду карап чыкты, көчөгө басты. Көрүнбөйт. Накта жүрөк эми түштү. Кетип калган болсо өлбөдүбү, бай жашачу планынын баары ойрон болбойбу. Жаны чыгып кете таштады. Үйгө кирип энесин жулкулдатты:

- Апа, эй апа, Гүлмайрам кайда?

Уйку менен мастыктын туткунундагы неме оң жооп бермекпи, айтты:

- Ай, адамдын уйкусун бузбай нары жогол!

- Гүлмайрам кайда дейм?!

- Аның ким эле ботом? Эмне, чөнтөгүмө катып алыпмынбы?! - Мээркан уйкусуна кайра көшүлдү.

Алтынбектин алты эмес, алтымыш амалы түгөндү. Кайдан издейт? Биринчи автобус менен кеткен болсо, артынан жөнөсөбү? Энеси кууп чыгып, агалары тепкилеп туруп айдап салсачы? "Анын жанында жүрбөй мен кайда жүрөм. Аздап болсо да жанында турушум керек эмес беле. А балким... балакээт, а балким тигиникине конуп калганымды билип, анан түнү менен баса бердиби? Ооба, кетти болуш керек. Кой, акча таап артынан жөнөйүн".

Алтынбек туура беш классташына барды, баарына бирдей сөз айтылды: "Гүлмайрамдын капчыгындагы беш миң акчабызды уурдатып жибердик той берген күнү, бир аз акча кайрылышпасаңар болбой калды". Бул сөздү уккан беш классташынан алты жүз сом чогулду. Ал аңгыча эртең менен болду. Алтынбек үйүнө келди, Гүлмайрам кийимдерин алып кетти бекен же анысына карабай эле кеттиби. Келип караса бүт эле кийимдери турат. Кийип жүргөн халаты эле жок. Халатчан алыс бармак беле. Огород-погороддун эле бир жеринде отурган болбосун. Алтынбек эми бир сыйра үй-жайдын тегерегин шашпай карап чыкты. Аңгыча ата-энеси ойгонуп, сыртка чыгып жуунуп-тазаланымыш болуп кайра киришти. Экөөнүн тең сиркеси суу көтөрбөй турат. Эми сурады Алтынбек:

- Апа, Гүлмайрам кайда кеткен?

- Жанагы аялыңды айтасыңбы? Мен кайдан билейин кайда кеткенин! Ээн баш өскөн неме каалаган жагынан кетсе кеткендир.

Алтынбек эмне айтарын билбейт.

- Сыртка чыккандыр, - дейт Карымшак, - кетип кайда бармак эле, огороддон кара.

- Жок эч жерде.

- Жер жутуп кетти дейсиңби, жүргөндүр бир жерде, - деди Мээркан аркырап.

- Э коюңузчу, - деди Алтынбектин жини келип.

- Өлүгүңдү көрөйүн, мага эмне арылдайсың, ыя?! Тимеле Айчүрөктү апкелип койгонсуйт, ой! Деле куттуу үйгө жолото турган неме эмес экен аның. Ошо бойдон жоголуп кетсе кана. Көпкөн да, бир үйдүн жалгыз кызы болуп. Мен андайларды ур-руп да койбойм! - деди Мээркан "урубун" аябай баса айтып.

Алтынбек эмне деп айтышып отурмак эле, сыртка чыгып кетти. Мээркан бир аз отуруп, анан бир нерсе оюна келип, шарт ордунан туруп Алтынбектер жаткан үйгө кирип, Гүлмайрамдын чемоданын ачты. Дал үстүндө капчыгы жатат, шарт алып ачты эле акча жок экен, бир чөнтөгүндө эки шакек жүрөт: бири кызыл, экинчиси көгүш таштуу. Эч ойлонбой туруп экөөнү тең халатынын чөнтөгүнө салды да, чемоданды кайра жапты. Сырткы үйгө чыгып, башы челектей шишип отурган күйөөсүн "бол эле, бол" деп ээрчитип сыртка чыгышты. Алтынбек эшиктин алдында экен, шаша кеткен ата-энесин көзү менен узатып кала берди. Бул кезде күн небак чыгып калган эле. Дал ошол маалда маңдайкы кошунаныкынан Гүлмайрам чыгып келбейби, үй ээси келиндин узатуусунда. Таңгала сүйүнгөн Алтынбек шаша басты утурлай:

- Сен кайда жүрөсүң, кишинин жүрөгүн түшүрүп? - деди аябай сарсанаа болгонун үнү менен өңүнөн даана көрсөткүсү келип, - ойлобогон оюм калган жок, жер-суунун баарын издеп...

Гүлмайрам суроого суроо менен жооп берди:

- А өзүң кайда жүрөсүң?

Алтынбек туттуга түштү, анан оңоло калып айтты:

- Балдар менен эле...

- Сен үйүңө балдарды апкелдиң беле же мениби? - деди Гүлмайрам Алтынбектин көзүнө тике карап. - Кимге үйлөндүң эле?!

Алтынбек үндөбөдү. Гүлмайрам сөзүн улады, токтоо сүйлөдү:

- Келгениме бир жума бололек жатып, энеңе бузулган неме деген атка кондум. Кетиртем, жоготтурам дейт, силерге байланып калчу касиетиңер деле жок экен, кетем өзүм эле. Жөндүү бүлө болсоңор эмне...

Алтынбектин жаны чыгып кете жаздады, бөтөнчө "силерге байланып калчу касиетиңер деле жок экен" деген сөзү өтө катуу тийди. Бүт сырыбызды билип алган го деп чочуп да кетти. Ушул кезде Гүлмайрамдан үч жаш улуу Алтынбек анын алдында кенедей балага айланып далдырай, муңайа калды, боор оорутчу түрү келди:

- Кечирип койчу, менин алтыным! - деди адаттагыдай. Ар дайым ушинтип эркелетчү. Үнү да сонун чыкты. Сөз мааниси менен уккулуктуу үн жуурулушуп жатып калчу. Алтынбектин момпосуйдай абалын көрүп Гүлмайрамдын боору ооруп кетти, мурункудай эле жакшы көрүп кетти азга гана... Унчукпай үйгө басты. Үйгө кирип тиги экөө кеткенин билди. Алтынбекке айтты:

- Алтынбек, үйдө бир тыйын жок, эч кандай продукты да жок, кантип жашайлы дейсиң? Бирөө келсе алдына бир тарелка шекер койо албасак, аябай уят экен. Капчыгымда анча-мынча акча бар эле, дайыны жок.

- Жанагы шайтандар алса керек, акмактар десе! - деп Алтынбек карындаштарын айтты, - үйгө келишсин, анан эмне күндү көрсөтөр экемин!.. Гүкү, менде акча бар, бирөөлөр карыз болчу, кечээ берди. Жүрү, базарга барып, керектүү нерселерди сатып келели. - Беш классташынан жанын жеп сурап алган алты жүз сомду айтыбатпайбы бирөө карыз болчу деп.

- Канча сомуң бар?

- Беш жүз, - деди Алтынбек, жүз сомун кем айтып, өзүнө керек болот.

- Мен тизме жазып берейин, сен ошол беш жүз сомдун баарына продукты апкел, уктуңбу?

- Уктум.

Гүлмайрамдын көңүлү кичине жазылып, бир барак кагазга эмнени канча ала тургандыгын жазып берди. Орто эсеп менен беш жүз сомдун оокаты. Үйдөн баштык издеп таппай, базардан эле ала турган болуп Алтынбек кетти көңүлдүү. Аялдарды сооротуштан өткөн оңой нерсе жок дейт ичинде, сүйүнүп кетип баратат. Өтө куу жигит болчу, аты сонун, заты башка бу Алтынбек.

Жарым сааттан кийин Алтынбек келди тердеп-кургай, эки колунда эки баштык. Кагазга жазып бергендердин бирин калтырбай апкелиптир. Гүлмайрам аларды алып, ыгына жараша салыштырып, анан лагман жасамай болуп камыр жууруй баштады. Алтынбек жанынан чыкпай сайрайт, кантип соода кылганын, тигини бир сомго, беркини эки сомго кантип түшүргөнүн айтат. Чөп-чардын баары болгондуктан, лагман сонун даамдуу болду, камыры да сонун чоюлду. Гүлмайрамга лагман чойгонду апасы үйрөткөн. Апасын эстеп азга көңүлү чөгө түштү. Анан Алтынбектин экөө сонун жашай турган жомогун угуп, алаксып да кетти.

Түш маалы болуп, тамак даяр, эне-атасын күтүштү. Алардан дайын жок. Анан экөө тамакка отурушту. Шашпай, жакшы келечектен сүйлөшүп отуруп ичишти. Экөө көңүлдөрү ток маектешкенде сөздөрү муну менен бүттү: окууну мыкты бүтүшөт, чет өлкөгө стажировкага барууга аракеттенишет. Тышкы иштер министрлигинде же дагы бир чоң жерде, эч болбоду дегенде котормочу болуп иштешет, посолдуктарга ишке алышы да мүмкүн. Бүгүнкү сөз да ушундай нукта жүрдү. Баса, экөө тең эне-аталарыбызды май чайнатып багабыз деп айтышат. Гүлмайрам эми кайнене-кайнатасына май чайната албайт. Бишкекке кетишсе, бул жерге оңой менен кайрылбас...

Кечкежуук баягы экөө дагы эле мурунку күнкү төртөөнү ээрчите келишти. Бир сумке толтура самогон. Баары көңүлдүү, ичтеринде да биртоп бар көрүнөт. Гүлмайрам эч үндөбөй баарына лагман салды, Алтынбек сунду. Лагман салып бүткөндөн кийин Гүлмайрам сыртка чыгып келип, дароо төшөгүнө жатып алды, Алтынбек кошо жатты. Сырттагылардын булар менен иши болгон жок. Мээркан бүгүн бөтөнчө көңүлдүү эле, жанагы эки шакектин бирин туура миң сомго дүкөнчүгө сатпадыбы, кыз кезимде алдым эле деп. Экинчи шакекти базарда отурган дагы бир аялга тогуз жүзгө сатты, бирок акчасын кийинчерээк аларын айтты.

Чөнтөктө миң сом болсо жөн коймокпу, тиги эки эрди-катынды кошо чакырып самогондон кеңири алып, бир сындырым нан албай, үйдө эмне тамак бар деп кенедей ойлоп койбой үйгө келбедиби. Бу жолу келини жөнүндө, анын кыз, кыз эместиги жөнүндө кеп козгошкон жок, айылдагы майда ушактар кеңири талданып айтылды. Жыйынтыгында бул айыл боюнча ушул алтоо адам экен, адамгерчиликтүү экен, калганы бүтүндөй айбан: эшек, чочко, уй жана башка жаныбарлар... "Өмүрдү Жараткан бир эле берет, ичкиле, жегиле деп берет, ошон үчүн ичип-жеш керек, башка эмне керек. Эмне, дүнүйөнү көрүңө ала жатмак белең, адам бу дүйнөгө жылаңач келип, жылаңач кетет, кедей жашаган түптүз бейишке чыгат" алтоонун айтып турганы ушундай философия. Бейишке беш-алты жолу барып келгендей сүйлөйт алтоо тең.

***

Алтынбек менен Гүлмайрам кыналышып бир бүлө болуп шыбырашып жатышат. Гүлмайрам айтат эки-үч күндөн калбай Бишкекке кетебиз деп. Алтынбек көнбөй жатат, бат эле кетип калсак уят, жок дегенде он беш күн туралы деп. "Мен он беш күн чыдай албайм" деп, Гүлмайрам Алтынбектин энеси эмне дегендерин толугу менен айтып берди. "Аз-аздап ичип коюп атпайбы, болбосо антпейт эле" деп Алтынбек энесине кир жугузбайт...

Экөө күндө кетебиз-кетпейбиз болуп талашып жатып, бир жума да өттү. Бул убакта Гүлмайрам эки шымын, бир кофтасы менен көйнөгүн, мойнуна таккан алтын чынжырын жана башка майда-баратын уурдатты. Аларды тогузунчу окуган кайынсиңдиси жайлады, кай бирин жетинчи окуганы. Өзү аяп, сонуркап кийчү чет элдик басаножкасын уурдатканда жаны жаман күйдү. Алтынбекке айтса, анысы карындашын жаакка бир чаап, анысы аңгырай ыйлап, чыр эмнеден чыкканын Мээркан териштирип, бул үйдө эч ким ууру эмес экенин, бу Гүлмайрам шуркуя өзү ууру экенин, өзүнүн эки иймеги, бир шакеги жоголгонун, аны алса ушул эле Гүлмайрам алгандыгын жар салып, жаш келинине кол салып жибере таштады.

Гүлмайрам эми бул үйдө таптакыр эле туралбас абалга келди. Алтынбекке күндө какшайт Бишкекке кеттик, же биздикине кетели деп, а болсо ана-мына деп алаксытат. Ошентип күн өтө берди. Баягы Алтынбек беш жүз сомго апкелген тамак-аш небак түгөнүп, эми нанга бирде жетсе, бирде жетпей отурушат. Гүлмайрамдын таңгалганы - бу үйдөгүлөр эч качан курсагыбыз ачты, эртең эмне жейбиз дегенди билишпейт да экен. Кайдан-жайдан тоюп келишет, бүгүн тоюнбай калса, эртең тоюнушат. Мурун эле арык Гүлмайрамдын бетинин эки чүкөсү чыгып, укмуштай арыктап кетти, тамак менен куунак көңүл жетпеди...

Гүлмайрамдын чемоданында келген шымдары, көйнөктөрү, кофталары, жылтыр-жултур буюм-теримдери, бут кийимдеринен эч нерсе калган жок. Мындай бүлөнү ким көрүптүр, Гүлмайрам сыртка чыгары менен чемоданга асылышат. Эми асылчу деле эч нерсе калган жок. Эски-уску бирдемелеринен калыптыр... Калп эле урушумуш болгону менен, Алтынбекке деле баары бир экен...

***

Бир күнү үйдөгүлөр туш-тушка тарагандан кийин эптеп уурдатпай катып калган бир сыйра кийимин кийип, колуна эч нерсе албай (сумкасын да уурдаткан эмеспи, бир эмес, экөөнү), базар жакка басты, автобус ушул жерге токтойт экен. Эптеп суранып түшүп райборборго жетсе, андан ары эптеп кетер, деле ыйлап жалынса да түшөт автобуска. Барса, автобус келелек экен, бир аялдан сураса, "мына, келер маалы болуп калды" деди. Дал ошол учурда шуулдай басып Алтынбек келатат үй жакка. Жакындай берип Гүлмайрамды көрүп, таңгала жанына келди:

- Эмне, базарга келдиң беле?

- Базарга келгендей акчабыз бар беле? - деп Гүлмайрам жек көрө айтты, - келе сенде болсо, мен үйгө кетип баратам.

- Кайсы үйгө? - деди Алтынбек чочуй.

- Кайсы үй болмок эле, менин бир эле үйүм бар, апам турган, атамдан калган.

Алтынбек оозунан сөзү түштү, жаны оозуна кептелди. Эмне кыларын билбейт. Тилдейин дейт, тилдей албайт. Гүлмайрамдын мүнөзү дайыны жок тилдетпес. Куу жигит бир эле жол бар экенин билет, ошол жолго салды: жалынып-жалбарып, калп сөздөрүн бүтүндөй пайдаланды, аздап Гүлмайрамдын намысын козгоду. Ошентип далай азап-тозоктон кийин колуктусун үйүнө алып жөнөдү. Басардан мурун шыпылдай Гүлмайрамга кымбат шоколад алды, бир баштык жашылча-жемиш алды, анан эрди-эрдине тийбей мыкты тилектерди айтып, үйгө келишти. Кезектеги жолу алданды Гүлмайрам - айкөл кыз...

***

Бир күнү таптакыр чыдамы түгөнгөндө Гүлмайрам Алтынбекке минтти:

- Алтынбек, эки күн мөөнөт, үчүнчү күнү кетебиз биздикине. Андай-мындай деген сөзүңө канчадан бери макул болуп келатам, алданып келатам, жакшылык болор деп ишенип келатам, эми бүттү. Эки күнгө чейин акча камда жолго. Үчүнчү күнү жок болсо да кетем, бул акыркы сөзүм, кетпесем атамдын арбагы урсун!

Келинчегинин кайтпас сөзүн угуп, Алтынбек каршы эч сөз табалган жок, тапкан күндө да Гүлмайрам бирин укмак эмес, мына азыр басып кетмек.

- Макул, - деди айласыз Алтынбек, - бирок Бишкекке эле кеткенибиз оң го дейм, Гүкү. Силердикине шарты менен барбаса...

- Эмне шарт? - деди Гүлмайрам. - Шарт түзчү ким бар бул жерде? Шарт түзмөк турсун, мени жылаңач калтырмай болушту. Атамдын эстелиги шакегиме чейин алышканын кара, уяты жоктор десе!

- Тилдебедимби мен, - деди Алтынбек кыйратып койгонсуп.

- Тилдегениңе чоң ырахмат! - деди Гүлмайрам. - Бирок шакек табылган жок да. Жок эле дегенде моюнга байлаган төрт жоолуктун бирин калтырышпады. Баарын санагандан адам да уялат.

- Мен да уят болуп бүттүм, - деди Алтынбек, - айла жок.

Гүлмайрам эми үн каткан жок, айтканда эмне, айтпаганда эмне дегенге келди. Сөз короодо болгон. Гүлмайрам үйгө кирип төшөгүнө жатып алды.

"Шашпа, - деди Алтынбек ал кеткенден кийин. - Менин сөзүмдү эки кылбай аткарып, көзүмдүн агы менен тең айланып турчу мезгил да келер... Бат эле төрөсө болот эле, анан бир-экини төрөгөндөн кийин эч кайда кеталбай калат, энеңдурайын десе!" Ушул ою менен алек болуп көчөгө чыкты да, акча табылчу даректерди ичинен санап, беш-алты жерге бармакка жөнөдү...

Алтынбек эки күн акча издеп, миң сомдон ашык акча тапты. "Бир жумада кайтарып берем" деп алды баарынан. Эми бир жума эмес, бир жылда да бербесин билет.

***

Экөө эгиз козудай ээрчише көз жоосун алып, көргөндү суктандырат. Гүлмайрам Алтынбектин Бишкекке кетели деген сөзүн кулагынын сыртынан кетирип, түз эле өз үйүнө келип түштү. Эпадам барган жери кадимки дурус бүлөдөн болсо, Алтынбеги күндөп-түндөп карта ойноп кетпей жанында жүрсө, анын тилинен чыкмак эмес. Гүлмайрамды өздөрү бузуп алышты. Эми эки жаштын мындан аркы тагдыры айкын эмес.

Кызы дарбазадан башбакканда Калыйпа короодо бир нерсе менен алек болуп жүргөн. Кирип келген кызын көрүп, "апа" деген үнүн угуп, моло таштай ката түштү да, анан "Гүкүнүм" деп ыйлай кызын кучакка алды:

- Берекем менин, көлөкөм менин... Жалгызым менин... Сенин келгениңен... - Калыйпа оозуна келген сөз менен жалына берди. Экөө тең ыйлап жатышат...

Алтынбек экөөнөн көз албай тиктеп, эне менен кызынын сулуу, ыйык сүйүүсүн көрдү. Ошого жеңилип турду. Өз энесин ойлоп, бир силкинип алды. Аял кылып алган бу кыз бирөөнүн эч кимге алмашкыс керемети экенин түшүндү. Ушул тапта Гүлмайрам Алтынбекке да ыйык, кол тийгистей сезилип кетти...

Бир далайдан кийин гана эне кызын кучагынан бошотуп, көзүнүн жашын алжапкычы менен аарчып, Алтынбекти көрүп күйөө бала экенин түшүндү, эңкейе берип чекесинен сүйдү: бактылуу бол.

Камдуу аял бат эле дасторкондун үстүн толтуруп, экөөнө чай берди, бат эле куурдак куурулду. Кыз апасы экөө кирип-чыгып жүрүшөт, Алтынбек ошол олтурган бөлмөнү кыдырата карайт. Мындай буюм-теримдүү жасалганы кинолордон гана көрчү, таңгалды, анан ушунун баары ага - Алтынбекке да тиешелүү дегендей ойлоп койду.

Тамак ичилип бүткөндөн кийин Алтынбек короого чыкты, Гүлмайрам менен апасынын сөзүнө тоскоол болбоюн деди, анан да жүрөгү түшүп жатат, бүт баарын айтып бербесе экен деп. Гүлмайрам акылсыз кыздардан эмес эле, баарын айтып, сүйүнүп турган апасын капа кылгандай.

Алтынбек короо-жай менен, огород менен шашпай таанышып жүрдү, тимеле көргөзмөгө жасалгандай... Мал сарайлар, уйдуку өзүнчө, койдуку өзүнчө, тооккана, жайында жашачу үй, времянка деп орусчалап, эмдигиче кыргызчасын таппай жүрбөйбүзбү, ошонусу укмуш, аппак акталган көгүш дарбазалуу гараж. Азыр гаражды ачып, машинени көргүсү келип кетти Алтынбектин. Мончосу сонун экен, ичине кирип көрдү. Килейген жаңгактын түбүнө салынган чай иччү сөрү эмне деген керемет. Короо кынтыгы жок бетондолгон. Огороддо не бир алманын түрү, азыр августтун башы, бышайын деп калгандары да бар экен, бирди үзүп жеп көрдү. Көбүнчө апорт баш болгон кышкы сорттогу алмалар экен. Буларды сентябрдын орто ченинен үзө баштайт. Алтынбек аны билбейт, ал "ушунун баарын коротпой туруп сатса канча акча болот болду экен" деп эсептей албай жатат. "Ушул короо-жай меники болсочу" деп тиленип коет. А чынында жакшы күйөө бала болсо, бу короо-жайды Калыйпа андан аямак эмес...

Алтынбек ошентип огороддо, короодо жүргөндө апасы менен кызы мындай чечимге келишти: туугандар деген бар, алар сурабайбы "төркүлөп келиптирби" деп. "Ооба" десе, "серейип экөө эле келиптирби, ботом, кудалар кайда" дебейби... Мындай айтмай болушту: кыз-күйөө жоро-жолдоштору менен бир-эки күнгө Чолпонатага көлгө түшмөй болуп келишиптир, анан ончакты чакырым болгон үйүнө азгырылып, күйөө бала уят десе болбой Гүлмайрам ээрчитип келиптир. Эми болору болду деп Калыйпа кыз-күйөөсүн бир жумача кетирбейт экен. Ушундай абалды ойлошту кыз менен апасы...

Кечке жуук туугандар чакырылып, койго бата кылынды. Койду Алтынбек сойду, шыпылдатат тимеле. Кыймылы менен, сылыктыгы менен кайненесине баш болуп, баарына жагып да калды, бирөөлөргө жакканды ал эң сонун билчү...

Меймандар тээ түн ортосунан оогондо араң узады. Алар кеткенде эртеңкиге калтырбай идиш-аякты жууп, үйдү тазалайм деген Гүлмайрамга Алтынбек чимирилип жардам берип жүрдү, "тимеле кой, балам" деп кайненесине канча жолу айттырбады. "Жок, Гүкүгө жардамдашайын" дейт сылык. "Мындай кудай берген күйөө бала болбоспу, ырас Гүкүнүм кор болбой жашайт экен" деп апасынын көңүлү асмандагы бейиште.

Кыз-күйөө эки жумадай жүрдү. Мына ошол убакыттын ичинде Алтынбек майда-чүйдө оокаттын баарын жасап, кай бир нерселерди оңдоп-түздөп, колу да жөндөм, айтор, кайнененин жүрөгүн биротоло ээлеп алды. "Акен, чай ич", "Акен, тамак ич", "чарчадың, эс ал" деп үйрүлүп калды кайнене. Гүлмайрам да мурдагыдай көңүлүн берип турду. Экөөнүн жашоосу жакшы болоруна аздап ишенди...

Кетээрде Гүлмайрам барган жери кичине жетишпей жашай турганын четин чыгарып, Алтынбектикине тийип эле Бишкекке кетебиз деп апасынан аз акча сурады эле, анысы аз акча берип санааркап отурмак беле, болбой жатып толгон акча карматты күйөө баласынын колуна. Кызыма берсем таарынып калбасын дегени да, баары бир ыраскоту бир эмеспи.

Калыйпа балканактай кой сойдуруп бышыртты, дагы толгон тамак-аштын түрүн берип узатты. Куда-кудагыйга жакшылап салам айткыла деп кайра-кайра какшайт.

Ошентип үйгө жакшы келишти. Ит келдиби, киши келдиби, эсеби жок Мээркан апкелген койдун этинен балчылдата чайнап, жарылганча жеди, арагынан ичти. "Кудагый күүлүү-күчтүү туруппу" деп бир ооз сураганга жараган да жок, "жакшы турушуптурбу" деп Карымшак гана бир ооз айтты, семиз жамбашты мүлжүп жатып.

Эртеси эртең менен бир жакка кеткен Алтынбек кечинде келди ыйлачудай болуп.

- Эмне болду? - деди Гүлмайрам чочулап.

- Жаман болду, - деди Алтынбек бышактай жаздап, - акчамды уурдатып жибердим.

- Кимге уурдаттың? - деп сурап калды оозуна кирген сөз ушул болуп, болбосо кимге уурдатканын билсе кайра албайбы.

- Ким уурдаганын кайдан билдим. Балдар менен шахмат ойнодук, андан кийин Темирбек уулунун чочогун кестириптир, ошонукуна бардык... анан волейбол ойнодук... Ошондо түштүбү же...

Гүлмайрам башка эч нерсе деген жок. Акчаны уурдаткан жок деген бир ишеним көкүрөктө турду. "Уурдаттым деп калп айтып, ал акчаны эмне кылат? Эне-атасына берсе, мен деле кой демек белем...". Кайрадан Алтынбектин түшүнүп болбой турган кылыктары бирден чууруп, Гүлмайрамдын көңүлүн чөгөрөт...

Албетте, Алтынбек акчаны уурдатпай калсын, кайнене берген беш миң сомду эки сааттын ичинде картага уттурду. Ошол акчаны кайненеси бербеди беле, ак тилек менен берген, бир керектерине жаратсын деп берген, бергенине сүйүнгөн кайнене. Ошол акчаны күйөө баласы эки сааттын ичинде картага уттуруп жибергенин укса, кайнене эмне болор эле, Гүлмайрамчы? Алтынбек ал жөнүндө ойлогон да жок, уттурганына гана ичи күйүп турду, эмки жолкуда сөзсүз утам деп көңүлү дале калбай турду. Эми Бишкекке кайсы акча менен кетишет? Алтынбек анын да эсебин тапты, таякеси Тотошко барып карыз акча сурады, келини суратып жатканын баса айтты, келиндин ыймандуу экенин көргөн Тотош Алтынбек сураган акчаны берди. Анын үстүнө Алтынбек: "Гүлмайрамдын энесиникине барабыз, акчаны апамдан апкелип берем деди келиниң" деп да ишендирбедиби. Бу миң сомду кайдан таптың деп сураган Гүлмайрамга Алтынбек "бирөөлөр карыз болчу" деп гана койду. Кайран гана шыпырбек.

***

Гүлмайрам апасына кийимдерин шакектерине кошуп, бүт уурдатканын айткан эмес, эми шаардагы байкесинин үйүндөгү кыш кийимдеринен башка эчтекеси жок. Жалгыз кофта, шымчан калды. Алтынбек акчаны "уурдатпаганда" бир-эки кийим алып албайт беле, арзанынан болсо да...

Бишкекке баргандан кийин кыз-күйөө атасынын агасы Жапардыкында туруп калышты, квартира тапкыча деп. Жапар пенсияда, өмүр бою милийсада иштеп, полковник наамы менен эс алууга чыккан, оокаттуу турушат. Аялы Гүкүн да пенсияда, мугалим болуп иштеди өмүр бою. Экөө тең кеңпейил, дурус адамдар, куулук-шумдуктары жок.

Гүлмайрам айласы жок баягы папасы үй алпер деп Жапарга берген беш миң доллардан беш жүз доллар сурап алды, квартирага төлөйбүз, анча-мынча кийиниш керек деп. Өзүнүн акчасын өзүнөн аямак белек дешип, эки айттырбай колуна карматышты. "Келе, менде болсун", деп Алтынбек сурады эле, Гүлмайрам: "Жок, сен уурдатып жибересиң, же волейбол ойноп жатып түшүрүп коюшуң мүмкүн" деп бербей койду. Бул сөздү уккан Алтынбек "чырт" эле дей түшүп, көпкө сүйлөшпөй жүрдү. Анын сүйлөшпөгөнүнөн Гүлмайрам зыян тартпайт эле...

Агасыныкына эки жума тургандан кийин ошол жерге жакын эле жерден квартира табышты. Аракты жининдей көргөн бир орус кемпир экен, "арак ичпесеңер киргизем" деп, "ичпейбиз" дегенден кийин анан киргизди. Эки бөлмө үйдүн бир бөлмөсүнө жашайт эки жаш. Гүкүн жеңеси айкөлдүгүн даана билгизип, кыз-күйөөгө идиш-аяк, жууркан-төшөгүнө чейин берди.

Ошол күндөрдүн биринде Гүлмайрамдын жүрөгү айланып, бир-эки күн кусуп, жаман болуп жүрдү. Анан бир группалашы айтты "боюңа бүткөн турбайбы" деп. Муну уккан Гүлмайрам же сүйүнөрүн, же азырынча төрөбөй кое турбай дегенди ойлогону билинбейт.

Окуп жүрүшөт экөө. Алтынбектин үйүнөн апкелген же бир жактардан тапкан тыйыны жок, тамагы да, кийими да Гүлмайрамдын мойнунда болду. Баягы байкесиндеги доллары четинен кетип атты. Канча акчаны эмне кылып короткону билинбей Алтынбек жүрөт. Акча кайда десе шылтоосу даяр: уурдатат же бир группалашына карызга берет. А чынында Алтынбек балдар менен отуруп балык соруп пиво ичкенди жанындай көрөт, анан да кафелерден күндө болбосо да, күн алыстап тамак ичет жалгыздап. Алтынбектин чыныгы жүзү Гүлмайрамга күндөн-күнгө аздап ачылып келет, бирок жакшы көргөн сезими адегендегидей алоолонбосо да, биротоло суубайт. Балалуу болушса, анан окууну бүтүшсө, баары жайында болор деген асыл тилеги бар Гүлмайрамдын.

***

Убакыт өттү. Жаңырган жылдын май айынын орто ченинде Гүлмайрам кыз төрөдү. Төрөтканадан Жапар байкесиникине чыгарып келишти. Өлгөн инисинин жалгыз кызынан аянмак беле, Жапар жараган кой союп, шаардагы жакын санаалаштарын ченеп чакырып жентек берди, кубанычы койнуна батпай, толгон немесин жүктөнүп Калыйпа келди. Жапар: "Кудалардан да чакыртпайбызбы?" деп Алтынбекке айтса, ал: "Апам оорубатыптыр, атам аны таштап келалбайт го" деп түшүндүрдү. Миң чакыртса да келбесин билет да. Эпадам, келишсе абийири айрандай төгүлбөйбү, кокуй!

Акчанын күчү менен Гүлмайрам Алтынбек экөө экзамендерин эрте тапшырып бүтүштү. Анан Алтынбек Гүлмайрамды эптеп көндүрүп, көндүргөндө да тизелеп жалынып жатып, үйүнө алып кетти. Ал жерде бир эле жума болобуз, анан силердин үйгө кетебиз, Көлгө деп.

***

Балалуу болуп келгенине Алтынбектин ата-энеси сүйүнгөн жок. Мээркан наристенин бетин ачып мурдунан чымчып өппөдү, атасы гана өмүрлүү болсун деп чекеден сүйүмүш болду. Какшып жатышкан экен, эми тамак бул эки студенттин эсебинен боло баштады. Жалкып калган Гүлмайрам кийим-кечегинен эч нерсе алып келген эмес, бир сыйра менен эле келген. Мээркан баш болгон үч кызы эмнесин аларын билбей шагы сынып турушту. Баланын жалаяктарынан башка эч нерсе жок эле. Анча-мынча акчаны Гүлмайрам жанынан чыгарбады. Алтынбектин үч карындашы тең эмнегедир Гүлмайрамды жек көрүшөт. Эмне себептен экени белгисиз. А балким энесинин таасириненби, билип болбойт. Көлгө кетмек маалы да бир жума узарып кетти.

Айылда мончо бар, он күндө бир жагылат. Бир күнү Алтынбек айтып калды, "мончого түшүп келбейлиби" деп. Эмнегедир Гүлмайрамдын сөзсүз эле түшкүсү келди. Алтынбекке "сен баланы карап тур, мен түшүп келейин, анан мен келгенден кийин сен бар" деп мончого кетти. Ал кеткенден кийин "ме, баланы кичине карай тур, мен азыр келем" деп онунчуда окуган Канышайга кармата салып, картасына жөнөдү. Канышайдын колундагы бала ээ-жаа бербей ыйлады. Канышайдын жини келет. Баягы бир кинодо гестапочу энесине сырын айттырам деп эмчектеги баласын жылаңач суукка кармаганын эстей кетти. Кайра-кайра ошол элес келе берди. Май айынын аягы болгону менен бул чөлкөмдө суук эле, анын үстүнө бүгүн күн бүркөк да болчу. Канышай баланы короого алып чыгып, анан огородго барды да, аны ороо-чулгоосунан чыгарып, жыпжылаңач жаңы эле кылтайган көкмайсанга жаткырып салып, "суук тийип ооруса экен, тиги энеси азабын тартса экен" деп ойлоду. Чыркырап тырмалаңдаган немени бир аз кызыга карап турду да, анан бирөөлөр келаткан жокпу деп көчөгө чыкты, эч ким көрүнбөйт. Көчөгө бир топ туруп кайра келди. Бала дале тырмалаңдап, алсыз ыңаалап жатат. Канышай дагы көчөгө чыгып, далайга турду. Качан гана тээ алыстан жеңесинин шаша баскан караанын көрүп, чуркап балага келди да, ороо-чулгоосу менен баланы үйгө көтөрүп кирип, орой салды. Анын ыйлаганы басылган жок. Гүлмайрам чуркай келип үйгө кирип баланы колуна алды, отуруп оозуна эмчек салды. Калтыраган наристе эмчек эмалбай койду, алсыз ыңаалады. Гүлмайрам:

- Алтынбек кайда кетти? - деди Канышайдан.

- Мен кайдан билейин...

- Баланы суукта сыртка көтөрдүң беле?

- Көтөрсө эмне экен. Жаагы басылбаса... - Канышай кекээрлей сүйлөп, сыртка чыгып кетти.

Чүрпөсүнө бир балээ болгонун сезди Гүлмайрам. Анысын бооруна бекем кысып, жыттап-жыттап алат, эмчек салат оозуна, анысы соралбай ыңаалайт, басылбай ыңаалайт. Алсыз, өчүп бараткандай...

Бир маалда Алтынбек келди.

- Баланы эмне кылгансыңар? - деди Гүлмайрам буулуга, - ме, карачы!

Алтынбек алсыз ыңаалаган баланы колуна алды. "Сийген го, которсоңчу" деди. Гүлмайрам баланын ороосун которуп жатып, далысынан өткөн тактарды көрдү, кебетеси чөптүн тагы, жалаяктын арасында чөптүн бир-эки талы да жүрөт.

- Муну жылаңач чөпкө жаткырган турбайбы! - деди чаңырып.

- Ким? - деди Алтынбек.

- Кимге таштадың эле, ошол!

- Канышайбы, чоң эле кыз кантип ошентсин?!

- Анан ким антти, мына, далысын карачы, тактарды, мына чөп, далысынын көгөрүп муздаганын кара, айбан десе! - Гүлмайрам боздоду.

Алтынбек сыртка чыкты Канышайды издеп, анысы огороддо жүрүптүр.

- Баланы эмне кылгансың, ыя, айбан!

- Эмне кылмак элем, эчтеке кылган жокмун.

- Чөпкө жылаңач эмне жаткырдың, ыя?!

- Доказать этип алып сүйлө! - деди Канышай, - жаткырам-коембу өзүм билем, сенин аялыңан сурап отурайынбы!

Алтынбек ачуусун кармай албай калды, жерде талдын чыбыгы жаткан экен аны менен Канышайды башка-көзгө уруп кирди. Ал чаңырды, а маалда Мээркан менен Карымшак кирип келди. Мына эмесе, ызы-чууну көрүп ал. Канышайдын көзү канап жүрөт. Чыр эмнеден чыкканын чала-була уккан Мээркан үйгө жулуна кирип, Гүлмайрамды чачтан алып, бала-саласы менен үйдөн сүйрөп чыкты:

- Жогол, өлүгүңдү гана көрөйүн шерменде, жалап, үйдөн айлан! Азыр тимеле, тимелеби, балталап салам!

Алтынбек эптеп жатып энесинин колун Гүлмайрамдын чачынан чыгарды. Мээркан эми аны жулмалап кирди, жерде боздоп отурат Канышай көзүн басып.

Гүлмайрам жинди боло таштады, түз эле маңдайкы кошунасыныкына кирип барды... Кошунасы жакшы адамдар эмес беле, Гүлмайрамдын оозунан болгон окуяны угуп, аябай жиндери келет. Бала от менен жалын болуп таңатканча уктаган жок, жаагын да баспады. Гүлмайрамдын кошунаныкына кирип кеткенин эч ким көрбөй калган. Бир маалда барбы деп сурап келген Алтынбекке "жок, быякка кайдан келмек эле" деп коюшту. Ал туш-туштан издейт. Догдурга да барды, милийсага да барды. Баса, Канышайды түнү менен айылдын чакан ооруканасына жаткырышты. Чыбыктын учу көзгө кирип кетиптир, чыга жаздаган го кейпи. Көргөн догдур Мээрканга түз эле айтты: "Кызыңыздын бу көзү эми сокур болуп калат" деп. Ичинде күндөгү ичкилиги бар неме көчө жаңырта өкүрүп-бакырып үйүнө келди. Алтынбек менен Гүлмайрамды издейт, тапса тытып жечүдөй.

Эртеси таң эртең менен Гүлмайрам баласын көтөрүп, үй ээси келиндин коштоосунда ооруканага келишти. "Аябай суук тийиптир" деди көргөн догдур. Анан бир эмес, эки уколду удаасы менен куйду. Баланын денеси колду күйгүзгүдөй алоо, ысык, ыйлоого шайы жок, эптеп дем алган болот. Кошуна келин Гүлмайрамга "бир-эки күн биздикине туруп тур, кызың жакшы болуп баратса анан кетерсиң апаңдыкына" деп кайра ээрчите келди. Алтынбек ошондо көрдү. Жүрү үйгө деп айтууга дити барбады. Бала кандай деп сурагандан да коркуп, тигилер үйгө кирип кеткенче карап турду. Көзү көгөрүп жүрөт, атасы да, энеси да муштаптыр... "Жанагы жалап катыныңдын көзүн чыгара чаппасам эле ит болуп калайын" деп Мээркан жулунуп базарда таң атпай самогон ичип жүрөт. "Өлүгүңдү көрөйүн, жанагы келин сөрөйүм кызымдын көзүн чыгара чааптыр, баламды жакшы бакпайсың деп" деп кезиккен элдин баарына айтып жүрөт. "Азыркы келиндер балээ чыкпадыбы" дегендер четтен...

Алтынбек кечке шынаарлап жүрүп, кошунанын эшигин кагып Гүлмайрамды чакырды, ал чыкты.

- Гүкү, бала кандай?

- Сага баланын эмне кереги бар, бул ырыстуу үйгө экинчи келбечи, - деп Гүлмайрам эшикти тарс жапты.

Алтынбектин дүйнөсү эңшерилди. Гүлмайрамдан айрылса аны ким да болбосун аялдыкка алат, андай сулуу бир күн да жерде калбайт. Анан ал күйөө бүт байлыгын ээлеп... Алтынбек өрттөнүп кете таштады. Жок, Гүкүнү эч кимге бербейт, тирүү турса бербейт эч кимге. Анын дүнүйөсү өзүнүкү болот, бай жашайт, каалагандай жашайт. Чет элди кыдырат... Баласы аман болгой эле. Алтынбек өз бактысын Гүлмайрамдын айылдагы заңгыраган үйүнөн, гаражындагы машинесинен, Чолпонатадагы үйүнөн, Жапар байкесинде калган үч жарым миң доллардан көрүп турду. Короо толо малчы? Анын баары жакшы күйөө бала болуп берсе, Алтынбектики эмегенде кимдики? Бала болуп башына жүн чыкканы тыйын, акча деп какшап келет, эми анысына доллар деген кудуреттүү сөз кошулду. Байлыкты сүйлөгөндөрдүн сөзүн укканда тимеле шилекейи чуура түшөт. Атаңдын көрү, бир банкка кирип жарым мүшөк доллар көтөрүп чыкса... Американын баланча деген миллионери келип, жөн эле беш-алты миллион берип койсо, оокат кыл деп. Ушинтип ойлочу. Аздан бери Гүлмайрамдын Чолпонатадагы үйүн сатып бизнес жасоо керек, ал жердеги үй Бишкектегиден да кымбат. Болбосо ичине керебеттерди толтуруп, эс алуучуларды киргизүү керек. Машинени гаражда чиритпей пайдаланыш керек. Жайында Бишкек менен Чолпонатанын ортосунда тынбай каттап, эл ташыса эмне деген гана акча... Гүлмайрамдан айрылбашы керек, жок эле дегенде бир беш-алты жыл. Анан кетчү жагына кете берсин, биртоп оокатты өзүнө каттатып алсынчы, анан... деп ойлойт.

Дагы бир күн өткөндөн кийин таң эртең бир жаш келиндин ачуу үнү айылды жаңыртты - бул Гүлмайрамдын үнү болчу. Кенедей наристеси таң эртең таштай болуп катып калыптыр, мупмуздак....

Ошол айылдын мүрзөсүнүн бир четинде айга толо элек наристенин сөөгү жерге жашырылды. Гүлмайрамдын өз жаны ошол жерге көмүлгөндөй болду. Ал байкуштун боздогонун сөз менен айтып бералбас адам баласы. Душманга бербесин мындай абалды дейт эмеспи.

Наристесинен айрылган күнү эле Гүлмайрам келин болуп келген үйүнө келип, ороо-чулгоонун баарын бир сумкага салды да, үйүнө, Көлгө кетти. Аны жакшы эле акмалап турган Алтынбек бир жолдошунан акча сураганы кеткен, Көлгө кетебиз деп. Кайра келип эки үйдөн таппай, аялдамага барса базарда отургандар айтты, автобустун кеткени аз эле болду деп. Гүлмайрам ошол автобус менен кеткенин даана билди сезгич неме.

Гүлмайрам ошол эле күнү каш карайганда үйүнө боздой жетти. Кызынын кейпин көрүп жүрөгү оозуна кептелген апасы небересинен айрылганын угуп, а да боздоду. Эки шордуу улам бири-бирин сооротушуп, түндүн бир кыйласына чейин отурушту. Гүлмайрамдын көз жашы небак соолгон, ошондо гана эптеп көзү илинди, апасын кучактай жатты, баласынан айрылып, эми өзү бала болуп жатты, арман күн, ай-э!

Эртеси Гүлмайрам апасын аяганды унутуп, келин болуп барган биринчи күндөн берки окуялардын эч жерин жашырбай баарын, баарын айтып берди. Апасы өзүн коерго жер таппай, жүрөгү чыдагыс ооруп укту. Айбан немелер тура. Канча таанышы "кызыңды бизге бер келин кылып" деп жабышпады, ошондо эле бирине берип ийгенде эмне. "Кызым кайда барарын өзү гана билет" дегенин кара. Мына эми бир күйөөдөн чыкты болуп, наристесинен айрылып... Атаганат, атасы тирүү болсо эмне. Кызынын мындан ары көргөн күнү эмне болот? Кызы болсо көзгө татына болуп көрүнүп калган чүрпөсүн элестетип боздогондон боздойт...

***

Канышай догдурга үч эле күн жатты. Бир көзү көрбөйт чел баскандай. Мектепке баргандын эртеси эле "сокур" атка конду. "Кутузова" дешти. Баланы чөпкө жаткырганы да айылга бат эле тарап, аны каргабаган жан жок. Классташтары "фашист, гестапо" деп айта турган болушту. Окуусунан тараганча дагы он беш күндөй бар эле, ага карабай окууга барбай койду. Бүтүндөй мектепке жек көрүндү болуп жүрө албайт эле. Мээркан болсо баскан-турган жеринде келинин жамандайт: "Араңдан-зорго кетирдик, тарбия көргөн неме эмес экен, колу да туткак экен. Бишкектеги өздөрүн саткан кыздардан тура. Менин келесоо уулум аны билбей эле алып келе берген тура. Өлүгүңдү көрөйүн шерменде десе, эптеп чогултуп жүргөн алты миң сомду уурдай кетиптир. Жакшылык көрбөй калсын, өлүгүңдү көрөйүн! Милийсага бердим, абийирин кетирип туруп алперет акчаны. Кызымдын көзүн да сокур кылып кетти, аны өзүнчө сотко берип жатам. Көздүн акысын да төлөтөм он эселентип...".

Ошол Гүлмайрам боздоп үйүнө келгенден бир айдай өткөндө үйүнө бир тергөөчү келиптир "күйөөгө тийип кеткен жерден алты миң сом уурдап, кызынын көзүн шиш менен сайып сокур кылып кетипсиң" деп. Атасынан башка милийса менен маңдай-тескей отуруп сүйлөшүп көрбөгөн кыз жүрөгү козголо коркуп, болгон ишти болгондой айтып берди. Милийса кетти, дагы текшеребиз деп. Бу милийса Кочкордон атайын келиптир, Мээрканга төркүн жагынан жакын тууган экен, камабаса да далай чыгымга салайын деген го.

Ошол милийса бир жума өтпөй дагы келди. Эми ачык эле айтты: "Иш оңой эмес, аз болгондо үч жылдан өйдө кетет, андан көрө бир он миңдей чыгым болуп койсоңуз, тынчып калат" деди Калыйпага. Калыйпа же бар, же жок деген жок. Милийса кетти, эмдиги жуманын бешинчи күнү келем деп. Калыйпа ошол эле күнү Чолпонатага милийсага барды, күйөөсүнүн кыйбас досу начальниктин орунбасары болуп иштечү. Аты - Талапкер, жулунбаган токтоо жигит. Адамдыгы өзүнчө сөз. Оңдой берди болуп, ал кабинетинде экен. Кирип келген Калыйпаны көрүп, ордунан атып туруп тосту. Жан-алы калбай абалын сурап, анан гана келген жөнүнө өттү. Баарын угуп бүтүп, Талапкер: "Эч кам санабай кете бер" деп аяшын сыртка чейин узата чыкты.

Айткан күнү баягы кочкорлук тергөөчү келди. Столго отуруп, сунулган чыныны алар-алмаксан болуп ууртады:

- Акча даярбы?

- Даяр! - деди Талапкер ички үйдөн чыгып келип. - Канча сурадың эле? - Талапкердин артынан дагы эки милийса чыкты.

Акча өндүрчү милийсанын көчүгү түшүп калды. Калтырай берди.

- Эй, айбан, ушу сен окшогондор милийсаны жек көрсөтүп жүрбөйбү... Эми эсебиңди табам, энеңдурайын, - деди Талапкер катуу кетип, - атып салайынбы, ыя, ушул жерден?!

- Байке, кечирип коюңуз. Эжем жанымды койбой, анан...

- Эмне анан?!

Тергөөчүнүн тили буулукту.

- Болуптур, сенин артыңан түшпөй эле коеюн, бирок бул жакка экинчи жолочу болбо, уктуңбу! - деди Талапкер.

- Уктум.

- Уксаң жөнө!

Аны эки милийса кошо ээрчий чыгып, короого чыкканда бирөө көттөн ары кабелтең тепти эле, тиги оңколоп барып туруп кетти... Кутулганына сүйүнүп, сызып жөнөдү. Ошол эле күнү Мээрканды таап, катуу тилдеп салды. Ошол күндөн Мээркан арызданганын да койду...

***

Алтынбек туура үч жолу келди Гүлмайрамдын айылына. Бирок анын үйүнө барууга батына алган жок. Канткен менен кызынан айрылып, бу да күйүп жүрөт. Эне-атасы менен сүйлөшкөнү калды. Зыңкыя жүрчү неме жүдөп да кетти.

Эми Гүлмайрамдыкына төртүнчү жолу келатат. Айылына түшүп, үйдү көздөй кетип баратат араңдан-зорго. Ошондо алды жакта келаткан кайненесин көрдү. Ал тааныган жок. Маңдайына келгенде Алтынбек:

- Апа, саламатсызбы? - деп өлүмүш болуп турду.

Аздан соң тааныды күйөө баласын.

- Аа, жакшы, өзүң жакшыбы, айланайын. - Калыйпа Алтынбекти көп күнөөлөгөн эмес, дурус эле бала экен деген бир көргөндө эле, азыр деле ал оюнан алыс кайта элек.

- Менде күнөө жок, апа, - деди Алтынбек ыйламсырай, - жанагы үйдөгүлөр кылбадыбы баарын. "Карта ойногону кетпей, баланы карындашына бербей өзүм көтөрүп турсам, эч нерсе болмок эмес" дегенди айткан жок.

- Болору болуптур да балам, - деди Калыйпа жашый, - жүрөгой үйгө.

Кирип келген Алтынбекти көрүп Гүлмайрам туталана кетти:

- Кайсы бетиң менен келдиң, акмак! - деди. - Жигит эмес экенсиң сен, уялбай келген. Жигит сендей болбойт!

- Кой, Гүкү, алдыңа кетейин, ачууланбачы, - дейт апасы. - Сен деп келди да.

- Мен деп келбей эле койсун, мага эми анын кереги жок!

Бу сөздөрдү Алтынбек шылкыя укту. Дагы, дагы айтса дейт. Көбүрөөк айтса бугу жакшы чыгат, жини бат тарайт.

Гүлмайрам башка бөлмөгө кирип кетти. Калыйпа болсо күйөө балага жакшылап чай берди да, кечки тамактын камына киришти. Алтынбек короого чыкты. Бүгүн шыпырылган эмес го, шыпырды. Анан кой короого кирсе, эки кой байланып турат, алдындагы чөбүн жебей, суусаган болуш керек. Ошол сарайда турган чаканы алып, короодогу крандан суу толтуруп эки койду сугарды. Аны көргөн кайнене: "Ырас кылдың, жанатан сугарам деп жатып, эсимден чыгып кеткен тура. Кереги тийип калабы деп байлабатам. Семирип да калышты. Гүкүм да далайдан бери сорпо ичелек, сен да келип калыпсың, эртең бирөөнү соесуң го" дегенде Алтынбек кым эле деди, сүйүнгөнүн айтпа. Энеси минтип турса, кызы кайда бармак...

***

Ошентип, эртеси килейген куйруктуу кара кой союлду. Эки кайнисин бүлөсү менен толук чакырды Калыйпа. Алтынбек буту-бутуна тийбей конок узатат. Сапар менен Жаанбайга аябай жакты бу элпек күйөө бала. Тарбия көрүп өскөн неме тура дешти ичтеринде. Сүйлөгөн сөздөрү да орду-орду менен экен...

Гүлмайрамдардын огороду оголе чоң. Алмалардын ортосу чөп белден келет. Алтынбек аны эки күндө чаап бүтүп кургатып, анан Калыйпа көрсөткөн жерге тыкырайта үйүп салды. Калыйпага тиешелүү үлүш жерде картошка, беде, анан малга жем болот деген арпа бар. Ал жердин баарынын ишин бүтүрдү Алтынбек. Убагы өтүп бараткан экен, бедени чаап кургатып, бир машине жалдап ташып алды, туура эки машине жый үймө чөп келди. Андан соң картошка менен арпаны сугарды. Картошка кургагандан кийин отоду. Ошонун баарын жаны тынбай жасап жүрүп, чиедей арыктады, күнгө күйүп, капкара болду. Бул эмгеги кайненеге аябай жагып атат, оозунан жакшы тамакты үзбөйт, Гүлмайрам дале сүйлөшө элек, жабышпай кетсе болот эле деп коет.

Бир күнү кечке жуук эки кызуу бала келип Гүлмайрамдардын дарбазасын какты. Алтынбек короодо жүрөт эле, эшикти ачса келгендин бири айтты:

- Эй, Гүлмайрамды чакырып койчу.

- Силер кимсиңер? - деди Алтынбек жактыра бербей.

- Кимди эмне кыласың, чакыр дегенден кийин чакырбайсыңбы!

- Эй, классташтары болобуз, - деди экинчиси. - Бар, батыраак чакыр!

- Чакыралбайм, - деди Алтынбек. - Керек болсо чакырып алгыла, - ал тескери басты эле, экөөнүн бири кууп жетип, жакадан алды:

- Эй, сен эмне борзуйланасың?! Эмне, ошондой эле кыйынсыңбы, ыя, энеңди!

Алтынбек аны бар күчү менен түртүп жиберди эле, мас неме оңкосунан түштү. Эми экинчиси качырды, Алтынбек аны да ыргыта түрттү. Экөө тең туруп, кайра кол салуунун ордуна келген жагына кетишти:

- Колго түшөсүң, энеңди!

Гүлмайрам терезеден баарын угуп, көрүп турган, ырас болду деди. Анткени, бул эки классташын жининдей көрчү. Сегизинчи класстан бери жабышышат. Жок дегенде бир жолу жатпасам элеби деп айткан имиш экөөнүн бири окууну бүткөндөн кийин. Экөөнү көмөлөтө түртүп, короодон кууп жиберген Алтынбекке Гүлмайрам аздап ыраазы. Бирок, анысы жек көрүп турганын жеңе албаса да, ачуусун, таарынычын бир аз басаңдаткандай болду.

Күндөр өттү. Экинчи чөп чабыкта да Алтынбек чөптү катыра чаап, үйгө ташып үйүп салды. Картошка, арпа, бедени татына сугарды. Кайнатасынын инилерине, алардын бүлөсүнө тегиз жакты. Кайненеси Калыйпа да жакшы көрөт. Эми дагы кайсы күйөөгө тиймек эле, ушунусу эле болот дейт. Бирок Гүлмайрам "экинчи муну менен жашабайм, апа, эмнеге жабышып жүрөт. Намысы болсо кетпейби айылына" дейт. Бирок убакыт өткөн сайын антип айтпай да калды. Же жашайм же жашабайм дебейт, кээде бу жөнүндө сураган апасына. Келген күндөн бери апасынын койнунан чыгалек, чогуу жатат. Алтынбек болсо времянкада түнөйт, бирок тамакты чогуу ичишет.

***

Бир күнү Калыйпаларды Сапар мейманга чакырды, аялы экөө бир күндө төрөлүптүр. Ошону белгилейбиз деп. Мактана кеткениби, томолок семиз тай союптур. Экөөнүн туулган күнү өзүнөн-өзү эле оголе чоң тойго айланып кетти. Чакыргандары: тууган-туушкандары, жоро-жолдоштору - киши көп. Жаш, кары болуп чогуу эле бактын ичине даярдалган дасторконго отурушту. Айылдын өнөрпоздору "Ямахасы" менен келип музыка шаңшыды, арактар ичилди, кызуулар пайда болду, короого топ-тобу менен чыгып шалкылдап бийлеп жатышат. Алтынбек да, Гүлмайрам да бийлешпеди. Гүлмайрамдын жанына бир жигит жабыша отуруп, өзүнүн жакшы көргөнүн айтып ишендиралбай жатат. Булардын маңдайында отурган Алтынбек жакшы эле чыдап отурду эле, бир маалда тиги жигит Гүлмайрамдын эркине койбой имере тартып өөп алганда, Алтынбек дасторконду аттай секирип барып тиги жигитти баса жыгылды. Элдин көбү бийде болчу, дасторкондо калгандар гана бул окуяны байкап турушту. Жанагы жигит чоң кызуу болсо да токтоо экен, мушташты баштаган жок, Алтынбек да баштабады, минтип айтты:

- Эй, уятсыз, бул деген менин аялым болот!

- Кечирип кой, анда, - деди тиги жигит. - Бу жерде күйөөсү жок экен дебедимби... Эй, күйөөсү болсоң катыныңдын жанына отурбайсыңбы.

- Мына, отурам, - Алтынбек Гүлмайрамдын жанынан орун алды, тиги тийишкен жигиттин ордун ээледи. Жигит бий жакка басып кетти.

- Уят эмеспи, элдин көзүнчө, - деди Гүлмайрам. Бул эки айдан берки биринчи сөзү болчу Алтынбекке айтылган.

- Элдин көзүнчө өзүңөр эмне уялбайсыңар? - деди Алтынбек. - Мени айтып коет... Мен дагы эле сага күйөөмүн, керек болсо!

Алтынбектин бул сөзүнө Гүлмайрам акаарат келтире албады. Чын эмеспи деп моюнга алдыбы же жөн эле сүйлөгүсү келген жокпу, белгисиз бойдон калды. Алтынбек эми Гүлмайрамдын жанынан жылган жок. Кез-кези менен акырын сүйлөп коет. Гүлмайрам байкоостон коштоп да алды анын бир-эки сөзүн. Аздап болсо да кыз күйөөсүнө жакындай түштү. Жанагы масты секирип баса жыгылган Алтынбекке ичинен күлүп да алды, ыраазы да болуп турду азга. Бир маалда байкоостон "тетиги салаттан салып жечи" деп айтып алып, өзү да чочуп кетти.

Меймандар жакшы тарашты. Апасы анан келмей болуп калды эле, кыз-күйөө колтукташып келишти, Алтынбек колтуктайт да. Ошонун эртеси эле экөөнүн төшөгү бирикти.

***

Бул үйдө туура үч ай жашап, Алтынбек Калыйпага өз баладай эле болуп калды. Гүлмайрам да эриди. Анын үстүнө боюнда бар. Эми ушул үйдө төрөйт, баласын ушул үйдө тарбиялайт... Экинчи Алтынбектин үйүнө басып барбайт. Барса эле ата-бабасынын арбагы урсун! Ушинтип карганып алды.

Гүлмайрам өзү кечээ эле бала эле, эми эне болуп, көзгө бир көрүнүп учуп кеткен чүрпөсүн эстеп боздоп-боздоп алат. Жүрөгү барча-барча тилинип кеткендей ачыша сыздайт. Ушул азыр жетип барып ошол азаптан башы чыкпай, өмүр бою кордук көрүп жашай турган Канышайды тытып жесе, тирилей өрттөп жиберсе. Кенедей наристени сыз чөпкө жаткырып эмне жеңишке жетти?.. Ушуга жооп табалбайт Гүлмайрам. Кыз башы менен кантип гана ушул ишке барды экен, мыкаачынын мыкаачысы тура... Ушинтип наристесин жоктойт Гүлмайрам, анан көзүнүн агы менен тең айланып үйүндө "күчкүйөө" болуп жүргөн Алтынбекти жек көрүп кетет.

***

Көздү ачып-жумганча эле окуу маалы келди. Дал ошондо Гүлмайрамды кудай урду, "окууга барбайм, окубайм" деп чыкты. А эмне үчүн анткенин эч ким билбейт. Атургай өзү билбейт. Апасы бир жагынан, экинчи жагынан Алтынбек көндүрүп жатып, араңдан-зорго макулдатышты. Гүлмайрам бир айча эле окуп, кайра келмей болду, анан экзамен убагында барып акчасын төлөп бүтүрүп келет. Ушул акылга токтошту. Алтынбектен эч ким сураган жок, а сен эмне кыласың деп.

Ошентип, эртең окуу башталат деген күнү экөө Бишкекке келип түшүп, Жапар байкесиникине барышты. Алма, картошка, бир кой союп, айтор, толгон тамак-аш алып келишкен. Үй ээлери буга ыраазы, дароо бешбармакка отурушту...

Эртеси окуу деле болгон жок. Үйгө келатканда Гүлмайрам айтты: "Алтынбек, мен байкемдикине жашайм бир ай, а сен жашачу жер тап, экөөбүз тең жүрсөк уят" деп. Бир айга экөө квартирага чыкса деле болмок, бирок Гүлмайрам аны каалаган жок.

Алтынбек көрүнгөн тааныш балдарыныкында жашап жүрдү. Акчаны Гүлмайрам берет ченелүү. Бир ирет "керек болуп жатат" деп көбүрөөк акча сурады эле, "көбүрөөк акча жок" деп орой айтты Гүлмайрам. Ошондон бир жума өтпөй Алтынбек Гүлмайрамды байкесинин үйүнө узата келип кетти, көбүнчө ошентчү, кечинде кайра келди. Үйдөгүлөр чогуусу менен тамак үстүндө экен, Алтынбекти да отургузушту. Тамак ичилип жатканда Алтынбек айтты Жапарга:

- Байке, атамдын агасы каза болуптур, эртең ошого кетем.

- Жаткан жери жайлуу болсун, жашы канчада эле?

- Даанасын билбейм, алтымыштардан өтүп калса керек эле...

- Ооба, барыш керек. Жаманчылыкка айла келсе барган жакшы. Гүкү да барабы? - деди Жапар аксакал.

Гүкү "барбайм" деп айтууга оозана баштады эле, Алтынбек озунуп кетти:

- Жок, Гүкү барбайт. Ыраскот тапсам өзүм эле бир жолдошумду ээрчитип кетем го.

Тамак ичилип бүткөндөн кийин Алтынбек Гүлмайрамды мындай чакырып, барбай койсо өтө уят экенин, анча-мынча акча ала барыш керектигин, жол да биртоп акчаны соро турганын муңая айтты эле, Гүлмайрам ошол эле жерден эки миң сомду карматты, "жакшы барып кел" деп.

Ооба, Алтынбек жакшы барып келди, бирок Кочкорго эмес, Алматыга. Анын эч кандай агалары өлгөн эмес, эки теңтушу Алматыга бир-эки күн ойноп келбейлиби дегенинен, биртоп жерден акча табалбай, анан өлүмдү ойлоп таппадыбы, сырты жылтырак шүмшүк.

Алтынбек төрт күндөн кийин келди "топурак салып". Группадагылар кафеге киргизип көңүл айтышпадыбы. Берки эки бала башка институтта окуган классташтары эле... Алтынбектин бул айбанчылык калпын Гүлмайрам кийин укту, адам баласы ушунчалык да калп айтабы, бети кантип чыдайт деп ичинде таңгала, жек көрө ойлонуп, бирок унчуккан эмес. Анын дилинде Алтынбек дагы бир тепкич төмөн түшкөн ошондо...

Айтканындай эле Гүлмайрам бир ай окугандан кийин апасынын жанына келди. Андан бир жума өткөндөн кийин Алтынбек келди, "декан менен сүйлөштүм, эми кышкы сессияга гана барабыз" деп. Бул кез октябрдын орто чени. Көлдө түшүмдүн баары жыйналып бүткөн кез. Кай бир жерде картошкасын кечигип казгандар, албетте бар.

Алтынбектин келгенине Калыйпа кайненеси аябай сүйүндү, көнө түшүптүр. Анан да короо толо малды караган бир киши керек эле. Өзү күйөөсү өлгөндөн кийин үч жыл бою алек болду, азаптын азабы экен.

Жайлоодогу малдын баары жакага түшкөн. Калыйпанын короосунда эки уй, эки торпок, анан жыйырмадай тегиз кара кой бар. Азыр кар түшөлек, мал кезектешип талаага кайтарылат. Кар түшкөн кезде көптү колдон жейт. Алтынбек чөптү кенен даярдаган, тыпырайып үч-төрт жерде үйүлүп турат. Малга жем катары берилчү арпа да кенен. Малдын тоюту менен катар адам "тоюту" да белен. Картошка жертөлөдө, ал жерде дагы пияз, сабиз, кызылча сыяктуу жашылчалар жетиштүү. Жертөлөнүн жарымында беш-алты тоннадай алма бар. Булар кыштын кыраан чилдесинде сатылат. Ушул жерден эле алыпсатарлар колго тийгизбей алып кетишет. Колдон келсе Бишкекке же казактар менен орустар тарапка алып барса, үч-төрт эсе кымбат болот, үйдөн сатып жибергенге караганда.

Калыйпа кыз-күйөөсү окууда жүргөндө жигиттерден жалдап бүт түшүмүн жыйнатпадыбы. Анан картошкадан, арпадан, алмадан ченеми менен сатты. Бир топ акчасы бар. Гүлмайрамдын керегине жарайт деп арнап койгон.

Алтынбек тегерекке, кайындарына, айттык го, тегиз жакты. Өмүр бою ушул айылда жүргөндөй болот. Февралдын капортосунда дагы бир айылдык менен кошулуп Бишкекке алманын жарымын сатып, дурус акча кылып келди. Ошол дурус акчадан да көп эле, бир топ акчаны проценти өсүп турчу банкка салып келди. Экинчи жолу апрелде алпарды калган алманы. Бу жолу да банкка акча салганды унуткан жок. Анан да кышында, убагында сессияга барбай калышкан, январь, февралда өткөн экзамендерди апрелдин ортосунда бүтүрүп келди. Буга алманын акчасынан бир топ кетти. Үйгө келип кайненеге отчет берип, калган акчаны колуна карматты эле, ал күйөө баласын катуу алкады. Ошондон көп өтпөй килейген КамАЗга картошканы толтура жүктөп, дагы сатып келди. Банкка акча дагы салынды.

***

Гүлмайрамда Алтынбекке болгон баштагыдай алоо сезим жок. Эми, кебетеси, эч качан болбос да чыгар. Бир көрүп сүйгөндүн да алешем жери болот тура. Баягы дегдей соккон жүрөктүн деми небак сууган. Эми Алтынбектин бар-жогу бирдей эле. Гүлмайрамдын жүрөгүндө азыр кез-кези эстей калчу бир жигит бар. Ал жигит жөнүндө угуп жүргөн, бирок көрөлек болчу, ошол Сапар менен аялынын туулган күнүндө көрдү. Көргөндө да көздөр магниттей тартылып, чагылыша түшкөн. Өзүнөн көп улуу ал жигиттин ошол тешип кетчүдөй көзкарашы Гүлмайрамдын жүрөгүн бир булкуп кеткен эле.

Бул Талап аттуу жигитти бүтүндөй облус таанычу, тааныбагандары сыртынан укчу. Кичинесинен тетик-тентек өсүп, кийин окуусун бүткөндө дене тарбия институтуна кирген, мектепке мугалим болмокко. Ал жерде футболду өтө сүйүп, ошого катышчу. Өзү футболчу болгону менен бокска, күрөшкө катышкан балдар менен көп согушту. Жүрөгүндө жалы барбы, таяк жесе кайра күчөп, эрегишип алып тынчу. Бокска, күрөшкө, анан жанагы каратэ деген немесине барбай эле, ага катышкандардан кем мушташчу эмес.

Ошентип Талап дене тарбиядан сабак берчү мугалимдин окуусун бүтүп, бир күн да мугалим болуп иштебеди. Бишкектин үч-төрт мектебине барса "орун жок" дейт. Элет тарапка баргысы келген жок. Ошентип, бир досу менен квартирада туруп, акчасы түгөнүп, жээрге наны калбай калган күн да келип жетти. Ошол күндөрдүн биринде жашаган жеринен анча алыс эмес Бишкектин чоң базарларынын бирин аралап келатышат эле: "Талап" деген үндөн карай калса айылдашы экен. Өзүнөн беш-алты жаш улуу. Аны көрүп Талап аябай сүйүнүп кетти. Эч болбоду дегенде курсагын бир тойгузаар. Жердеши эки эсе сүйүнүп жүрөт. Көрсө, бир машинеге алма жүктөп келип, жакшы баада сатып жатса, эки жигит келип "сатып бүткөндө он миң сом бересиң" деп кетишиптир кечээ. Ошондон бери кимге корголорун билбей турган экен. Талапты көрүп, ай-да сүйүнгөнү да ошондон. Жердешинин арызын уккан Талап аны сооротту "эч нерседен коркпоңуз" деп. Жердеши алманы аялына таштап, Талап менен досун бир кафеге алпарып, курсак жарылганча тойгузуп келди. Ал күнү да, эртеси да Талап менен досу алма саткан жердешин кайтарып жанынан чыгышкан жок. Курсактары да ачкан жок. Үчүнчү күн дегенде ашып кетсе он килодой алма калды эле, олбурлуу эки жигит келип: "Байкеси, акча даярбы?" деп турушту. Жоопту Талап берди:

- Ай, жигиттер, бул менин агам болот. Силерге эмне керек?

- А сен кимсиң? - деди рэкеттин бири.

- Көрбөй турасыңбы, мен кишимин, - деди Талап орой жооп берип.

Рэкеттин муштуму шилтенди, чала тийди, анткени Талап буйтап кеткен. Экинчи рэкет дагы сокту бир жактан, анын мушун да тийгизбеди Талап. Бу жолу өзү жооп берди. Экинчи рэкетти оңколото сокту да, биринчисин качырды, ал колун маңдайга алып артка чегинди... Эки рэкет сөгүнгөн бойдон кетишип, беш мүнөттөн кийин жети-сегизи болуп келишти. "Эми оңбой калдык го" деди Талап ичинде, бирок качуу оюнда жок эле. Досу да өзүндөй эле тайбас неме. Алма саткан айылдашы тигилерди көрүп, шымына толтургандай болду окшойт. Тигилер жакындай бергенде алдыда баштай келген бирөө:

- Эй, Талапсыңбы? - деди эле, Талап аны тааный койду:

- Сабыр, сен кайдан?

Экөө кучакташа кетишти. Көрсө, экөө беш жыл бир бөлмөдө жатып окушуптур. Сабыр бокска катышчу экен. Ал рэкеттер менен жүрөт, эми базарды кармагандардын бири экен деп уккан кийинчерээк. Окуп жүргөндө эле баштаган тура бул өнөрүн...

Ушул күндөн баштап Талаптын турмушу кескин өзгөрдү. Сабыр менен кошо жүрө баштады. Бул базарды Сабыр менен дагы бир Бектен деген бала теңтайлаша кармачу. Бири-бири менен ынтымактуу көрүнгөнү менен, тээ көкүрөктүн түпкүрүндө ар кимиси жеке бийлик жүргүзгүсү келет. Эми ошол экөө эңсеген бийлик Сабыр жакка оой баштады, анткени, түз жүрүп, түз сүйлөгөн, анан да эч кимден коркпогон Талаптын таасиринен болду. Бектенге жан тарткан эки жигитти бирдей оозу-мурдун түздөгөндөн кийин Талаптын, аны менен катар Сабырдын таасир-бийлиги өсүп кетти. Бектен болсо күптүсү ичинде калып, карапайым жигиттерге барып теңелди.

Ошентип, бул оңой эмес чоң базардын бийлиги Сабыр менен Талаптын колунда. Акча дегениң өзүнөн-өзү агылып келип жатты. Талап эки жарым жылдан кийин тамак-аш менен соода жасоочу фирма ачып, анысы товарды чет элден бери ташып, иш жакшы кетти. Базардын бийлигин жалгыз Сабырга берген. Кийин аны атып кетишти. Эми Талаптын дегеле базар менен иши жок. Өзүнө аябай берилген беш жигити фирманын соодасын да жүргүзүшөт, рэкет деген шайтан-шабырлардан да сактайт.

Мына ошол Талап айылга келип, мындайраак, жыты эле тууган болгон Сапардын тоюнун үстүнөн чыгып, Гүлмайрамды көрүбатпайбы... Кенедейинде, экинчи-үчүнчү класс окуп жүргөндө көрсө керек эле, а балким көрбөгөн да чыгар. Укканы бар эле Жыпардын жалгыз кызы бар деп.

Ошол тойдо жанында тегеректеп, эмне кылып кошоматтанууну билбей турушкан жигиттерден сураган "тиги кайсы сулуу карындашым?" деп. Ыраматылык Жыпар абанын кызы, күйөөдөн чыгып келсе, күйөөсү артынан келип малай болуп жүрөт дешти. "Ии" деп койду Талап. "Ии" деп туруп, жакшы көрүп да койду, балакет баскырдыкы...

***

Жаз келгени Алтынбектин жаны жай албады. Жер айдатып картошка, буудай септирди. Огороддогу алмаларды бутап, узарганын кыркты, түбүн бошотуп, кык төктү. Жазгы жумуш бүтүп, бир аз эс алып калганда кайненеси менен Гүлмайрамды көндүрүп, Чолпонатадагы үйдү эс алуучулар үчүн даярдамай болду.

Бир күнү Алтынбек менен Гүлмайрам Чолпонатадагы үйгө келишти. Үйдө бирөөлөр турат экен, жүдөгөн немелерби, үйдүн, короо-жайдын тамтыгы жок. "Үйдү бошоткула" деп аларга бир жума мөөнөт берип, кайра келишти айылга.

***

Адам турмушу ушундай экен: эпадам начар, колунда жок бүлөдө туулуп өссөң, болбосо жетимдиктин жетпегени менен чоңойсоң, кийин өз алдынча турмуш өтөгөндө ал адам адатта бир тыйындын артынан түшкөн, "чыктатырбас Чынарбай" болбосо да, "битин сыгып, канын жалаган" неме болот экен. Албетте, баары эмес. Биздин Алтынбек Чынарбайды кой, битин сыгып, аны аяп канын жалабай отургандай неме болбодубу. Анан калса өз жашынан өтө эле куу. Дегенибиз, өз теңдүүлөрдүн мээсине чай кайнатат. Өз теңдүүлөрү не болуп калыптыр десең, өзүнөн беш-алты жаш улуу балдарды чакмак алганга жардам берет.

Гүлмайрам кайткыс жаңылбадыбы: кайнененин кейпин кара! Жок эле дегенде бир күн батырбады го, алгач айткан сөзү "өлүгүңдү көрөйүн, жалап!" болбодубу. Ушул абийири жаш барган барчын келинди үлпүлдөтө тосуп турбайбы да. ушул оюна келет бекен. Тили "жалап" деген сөз менен чыккан катында эмненин ырыскысы. Атаңгөрү де, эпадам Гүлмайрам ортозаар эле бир бүлөгө чыкканда, ал бүлөнү гүлдөтүп, гүл кылбайт беле, "бейиш деген ушул жердей болот тура" дегендей кылбайт беле! Эми кеч болуп калды, кебетеси, а балким...

***

Экинчи жумада Чолпонатага келип, бир эле күндүн ичинде бир кишиге квартира берди, жарымын. Аялы, кызы, анан өзү эле экен. Көп соодалашып отурушкан жок, Алтынбек сураган бааны берди, акчанын арасында өскөн го кебетеси. Алтынбек "кап, дагы бир канчаны кошсом болмок" деп арман кылып жатпайбы. Анткен менен жакшы баа болду. Кызыгы, баланча сомго ижарага берди деп Гүлмайрамга айткан жок, эмнегедир ал да сурабады.

Ана эмесе, Алтынбек акчанын арасында калды: Бишкекке таксилейт, үйдүн ижарасын алат Чолпонатадагы, анан Гүлмайрамдын байкесиндеги 3,5 миң долларды алып, ишенимдүү адамга процентке берип таштады. Жашылча-жемишти кайненесиникинен апкелип турушат. Көзгө топурак гана толот. А бирок ойлоп көрсөң, топурактай эле акча да толот экен. Акча толгон көздөрдү далай эле көрүп жүрбөйбүзбү. Эми Алтынбектин көзүн топурак да, акча да басты, а бирок Чолпонатадан Бишкекке, анан Бишкектен кээде Кочкорго көп каттап жүрөт. Кайнененин эч нерсе менен иши жок. Кез-кези менен күйөө баласы ала келген таттуу-паттуудан, жер-жемиштен ооз тийгенине ыраазы. Гүлмайрам болсо кээде Алтынбек менен кеткени болбосо, көбүнчө үйүндө калат.

Баарынан да Мээркан таңгала көпкөнүн айт. Баласы келген сайын машинесинин багажын толтура келет. Энесинин чөнтөгүн акчага толтура кетет. Жыргал эле ушунуку болду! Кичине кийимдери оңолуп, барган мейманына барктуурак бара баштап, деле кой... Эзели этеги жабылбаган, эзели короосунан эки кой чыкпаган үйдү ырыскы тооруп турду, канчага болду экен.

***

Ушу кезде бир кызык окуя болуп кетти. Баягы наристенин өлүмүнө себепкер болуп көзү чел баскан онунчуга кирелек жатып күйөөгө тийбейби. Энесинен наркы-беркини көбүрөөк билген Алтынбек ачуубасар эртең келет деген күнү алеки саатта кошуна-колоңдон кийиз, көрпө, шырдактан алдырып келип салдырды, бир-эки килем илдирди. Дагынкысын дагы жайдырды, тамак-ашын кенен жайнатты.

Кыздын барган жери көчөнүн аягы экен. Баса десең, тээ кебибиздин башында эки эргул: Карымшак менен Ашым светин оңдоп берип, самогонунун аздыгына нааразы болуп кетишпеди беле, дал ошол Турдукан деген толук келин менен жакын куда болуп чыгышпадыбы. "Ой өлүгүңдү көрөйүн десе, ошолордун кызы бекен?" деп Турдукан да угары менен нааразы болду.

Ошентип, той тарады, тойдун эртеси да болду. Жаңы кудадан кудалар кудай ургандай келишти, анткен менен ыр-чыры жок тарашты. Кебетеси, бергени менен алганы тепетең го... Болсун.

***

Алтынбек Гүлмайрамды, ал болсо апасын көндүрүп жатып, Гүлмайрам Чолпонатада жашамай болду. Анткени ал жерден айылга чейин бир топ жол, майга деле убал го дегенди Алтынбек чыгарды.

Эми Алтынбек Бишкекке таксовать этет, керек болсо башка жерге да кете берет. Гүлмайрам Чолпонатада. Алтынбек Бишкектен ала келген жер-жемишти сатат. Так секирип атып көндү, соода көрүппү эмне. Асылып жатып көндүрдү. Үйүнүн жанына отурат кечке, китеп окуйт. Анан бир күнү эле Алтынбек менен жашаган турмушун көз алдыга шашпай элестетти. Кээде шыпылдай кетип, көзүн алакачып кеткенин элестеди. Өзүнөн кийин бүтүндөй бүлөсүн элестеди. Жүрөгү айланды, кускусу келди. Өзүн аяды, апасын аяды... Өзүнө тарткан татына, оңунан сүйлөгөн азезил тура, көрсө. Азезил деген сөздү биринчи айтты Алтынбекке...

***

Бир күнү кеч кирейин деп калган. Гүлмайрам саткандарын чогултуп жатат эле. Бир жигит салам айтты:

- Карындашым, саламатпы?

- Саламатчылык.

- Атың ким?

- Гүлмайрам.

- Меники болсо Сабыр. Кай жерден болосуңар?

- Жолдошум Кочкордон, өзүм Корумдудан.

- Менин үйүм тиги силердин аржагыңардагысы. Мен сенин папаңды таанычумун.

Кыздын жүрөгү бир "зыр" деп алды.

- Аябай жакшы киши болчу, - деди. - Күйөөңдү да тааныйм, айылыбыз бир болот. Ал жөнүндө жаман-жакшы деп эч нерсе айталбайм.

Экөө азга отуруп калышты.

- Көтөрүшүп коеюнбу? - деди жигит.

- Жок байке, өзүм эле...

Гүлмайрам соода-сатыгын үйгө киргизип, эч нерсеге көңүлү чаппай диванга жантайды. Мындайда бир оюң онго, миңге, санга айланып кетет эмеспи. Атасын ойлоду, аны эстеткен жигитти, апасын, көзүнө жаман көрүнгөн Алтынбекти, чочко сымал кайненесин, анча жаман эмес Карымшак кайнатасын... баарын-баарын эстеди. Жанагы жигиттин "папаң жакшы киши болчу" дегени аябай жакты. Анан күйөөсү жөнүндө айтканда "күйөөңдү да тааныйм, айылыбыз бир болот, ал жөнүндө жаман-жакшы деп эч нерсе айталбайм" дегени да шектүү. Анын жаман неме экенин билген үчүн ошентип айтты да. Билбесе айтпайт эле да. Мен эле жаңылган турбаймынбы... Аппак көйнөк, кара шым, күрөң туфли, тармалданган капкара чач, узун бойлуу, татына өңдүү, ыгына жараша сөзү... баары эле сонун болуп турбайбы. Анан көздөрү ойноктой качат, бир сөзү менен экинчисинин ажырымы чоң? Ушуларды түшүналбайт Гүлмайрам. Дагынкысы дагы бардыр Алтынбек жөнүндө. Ооба, аттиң! Бир чоң жаңылып алыпмын, чоң жаңылып алыпмын... А бирок жүздөгөн кыздар жаңылып-жазып, ажырашып жатат, анын көбү бактысын кайра куруп жатпайбы. Андайлар көп... Бирок Алтынбек менен жакшылап турмуш куруп кетсечи... Жок! Эч качан! Ушул жерден боору менен бир жаралган наристесин алып кеткен Канышайдан өчтү кантип алды. Күлүшүп, уйку бербей эркелеттирип жатчу наристесин кантип унутту. Унуталбайт. Же өзү кетиши керек бу жарык дүйнөдөн, же Канышай кетет. Антпесе өч алынбайт. Ушуну ойлоп шердене, анан кайра жүрөгү түшөт. Өлтүрүш эле оңой бекен?.. Ушуну ойлоп жүрөгү эзилет, жүрөгү куушурулат.

Эртеси баягы жигит (Алтынбектен беш-алты жаш улуу болуу керек) жумушка баратып учурашып өттү. "Атамды кайдан таанычу элеңиз?" деп сурай жаздай токтоду, азыр даяр эмес экен. Кечинде сөзсүз сурайт.

Бул күн деле күндөгүдөй өттү. Шортачан эл батпайт. Тили да түрдүү. Ырасында биздин Чолпоната дурус курорттордун катарына кошулуп калганбы бейм... Дүйнөнүн түпкүрүнөн да бар. Бирок Гүлмайрам ушунун баарын ойлободу, апасын, атасын, Алтынбектин көзүн, Мээркандын арак ичкендеги кейпин ойлоду...

Кечке жуук баягы кошуна байке Гүлмайрамдын жанына көчүк басты, ал-абалы сураган болду. Ошондо сурады Гүлмайрам атасы жөнүндө. Тааныганы ошол - Сабыр Гүлмайрамдын атасы менен туура эки жыл иштеп калыптыр. Анан денсоолугуна байланыштуу Сабыр милициядан кеткен экен. Гүлмайрамдар айылда тургандыктан, таанычу эмес экен, а балким секелек кезинде көргөндүр... Байке сөзгө жакын экен, Гүлмайрамдын ар тарыхын алеки саатта айттырып алды. Кыздын күйөөсү жөнүндө айтып баратып, кайра тык токтоду. Кыз айтты: "Аба, сиз Алтынбектин жакын тууганысызбы?". Сабыр саамга ойлоно калды да айтты: "Азга билем, жаман көрбөсөң айтайын. Аферист дешет экен аны айылында. Биринен акча алып, аны экинчисине берип, бербегенин бербейт дейт. Өлтүрөбүз дегендер бар экен". Эми накта жүрөгү түштү Гүлмайрамдын. Анын өлүмүнөн корккон жок, ошого аралашкандан коркту.

- Машинени качан сатып алды? - деди Сабыр.

- Ал биздин машине, папамдыкы.

- Үй да силердики да, ээ?

- Ооба.

- Экөөнөн тең айрылып калбайсыңарбы?..

Ушул сөздү укканда Гүлмайрам кызык болду, кантип эле атасынын машинесин, анан өзүнө катталган, бери дегенде 40 миң долларлык үйдү алып алсын... Байкелери турбайбы, сак болбосо болбойт экен. Апасына да айтыш керек.

Ошол күнү Алтынбек түштөн кийин эле келди. Каадасынчабы же калп элеби, "Дордойго" жаңы түшүп талап жатканда эптеп илинип калдым" деп Гүлмайрамга жыты аңкыган духи берди. Анан эң сонуну - өзү небактан издеп жүрчү бриллиант шакекти да тааптыр да. Гүлмайрам сүйүнүп турду. Ырас эле бриллиант жакшы экен, көз жоосун алган. Алтынбек жакшы көрүнүп кетти. Жанагы шек-шыбалуу сөздү да эстебеди. Бирок анын эстелчү мезгили жакындап калган. Ошол аралыктын ичинде эмне деген гана окуялар болуп кетмек...

***

Айттык го, Алтынбектин чөнтөгүнө акча суудай акты. Банкка салган акчанын проценти, Бишкек-Чолпоната, кээде Кочкор менен Караколго чейин кетип калчу адатында оголе көп акча табат. Гүлмайрамдын 3,5 миң долларынан да акча "тууп" туруш керек.

Эми машинени өзүнө каттатчу кез келди:

- Гүлмайрам, машинени мага каттата туралы, болбосо ай сайын ишеним кат алып атып жададым, ага да оңой акча кетпейт. Окуунун да акчасын төгүш керек...

Бу жолу да жанын жеди. Экөөнүн тең окуусуна небактан эле акча төкпөй калган. Аны ким сураштырып алмак эле, эпадам, сураштыра турган болсо, эмне, жооп жокпу? Уурдатып жиберген болот, керек болсо машинесин да уурдатат. Чолпонатадагы үйдүн документтери колго тийсе, аны да сатат... Анан көрүп алсын, доолап алсын. Алтын аттуу Алтынбектин ою ушундай. Бул ой жөн ой эмес, чындыкты такымдаган ой. Ушул убакта Гүлмайрамда да мурунку толгон асыл ойдон эч нерсе жок. Апасынын гана аманчылыгын тилейт. Төрөп, Алтынбек менен түбөлүк түтүн булатам деген ою да жок. Бу турмушуң кара жумуштуу, кара ойлуу эле бир күндөргө айланып калган - күн чыкты - күн батты. Гүлмайрам ошону гана сезет. Анан көздөн жашын чууртуп отуруп наристесин эстейт. Бала болуп, баласаагын кантесиң! А бирок өзү күтпөгөн, өзү сезбеген, бактысы ашып-ташыган күндөр бардыр алдыда. Кантип эле адамдыктын накта даанасынан бүткөндөй, кенедей арамы жок, алгандан бергени көп аккөңүл, маралдай кыз оңой менен турмуштун кара жагына агып кетсин...

Алтынбек бир күнү Сабыр байкени сала келиптир. Бишкектен бери өлсө да салбай калсын, акысын төлөмөйүн. Чолпонатадан кезигип салса керек. Үчөө наркы-беркиден сүйлөшүп отуруп калышты. Сабыр айылынан эрте кетип, а кезде Алтынбек кичине болсо керек, айылдашы экенин билбейт экен. Ушул жөнүндө сөз чоюп көргүсү келди Сабырдын.

- Э, Алтын иним, айыл-апаң кайсы жер, кай жердин тукуму болосуң дегеним?

- Бул эле Кочкордон болом, байке. А өзүңүзчү?

- Менин турган жерим ушул. Ушунча жыл жашап, кошуналар бири-бирин билбей, сураганым да ошондон. Эми кудайым буюруп калса, далай жыл чогуу жашаарбыз. "Жакшы кошуна жаман туугандан артык" деп коет эмеспизби. Мен айтар элем, жакшы кошуна жакын тууган менен эле бирдей деп. Туура айттымбы ыя, Алтынбек?

- Туура айтасыз, байке.

- Кочкордон болсоң, ким дегендин уулу болосуң?

- Атамдын аты - Карымшак. Нечен жыл башкарма, деректир болуп жүрүп, жакында эле пенсияга чыкты. Апам да чыккан өмүр бою мугалим болуп жүрүп.

Муну угуп Гүлмайрамдын жүрөгү оозунан ыргып кете таштады. А Сабыр болсо баарын билет. Толугу менен бир ирет сынап көрөйүн деген, анын үстүнө кебетесин бир көрүп эле жийиркене кеткен. Гүлмайрам алардын үй-бүлөсү кандай экенин, атүгүл өпкө-өпкөсүнө тийбей ыйлап, наристесин да айтып берген.

Сабыр сыр бербеди: - Мен дагы беш жашка чейин сенин айылыңда жашагам, айылдаш болуп да кетебиз.

Алтынбек кенедей да кызарган жок, билбейт деди да, беш жашында кетсе. Ошондо Сабыр жакшы айтты: - Беш жашымда кеткеним менен Ашым, Карымшак байкелердин канча бөтөлкөдөн ичерин билем. Мээркан жеңем эки бөтөлкөнү бир жутуп, эки эркекти жондон алып ыргытат. Өмүр бою ичпегенде жакшы оокат кылмаксыңар.

Ушул жерде Алтынбек эми бир аракет кылды:

- Кредит курутуп кетпедиби баарын. Болбосо...

- Алтынбек, - деди Сабыр, - өзүң өсчү баласың, жаныңа мынча күч келди калп айтып. Чоң атаң менен чоң энең кеткени ата-энең арактын артынан түшүп тентип калбадыбы. Өтө өкүнүчтүү, албетте... Сен аны жашыргандан пайда тапмак белең, андан көрө ата-энеңдин баскан жолун оңдо, жардам бер. Карандай калп жакшылыкка алпарбайт, Алтынбек.

Алтынбектин башы эми араң жерге кирди. Ичинде Сабырды жининдей көрдү, эпадам, алы жетсе ушул азыр баса калар беле, бирок алы жетчү кудурети жок. Үчөө бир топко үндөбөй калышты эле, Гүлмайрам:

- Үйгө кирип чай ичиңиз, - деди Сабырга. Ал көнбөй турган болгондо дагы айтты: - Жүрүңүз, аба.

Үлбүрөгөн татына келиндин бу жолку чакырыгына Сабыр туруштук бералган жок, ордунан туруп үйгө баштай басты. Анын артынан көзүн Гүлмайрамга жеп жиберчүдөй болуп акырайып Алтынбек да келет, дили дил болбой жиндикана болуп. Гүлмайрам кирип-чыгып жүрүп эле лагман жасап коюптур, дагы салаттын түрү. Алтынбектен башкасы тамакты жакшы ичишти. Алтынбектин тилегине каршы, көпкө сүйлөшүп отурушту. Аппак өңдүү, кымча белдүү, бышып турган өрүктөй келин өзүнөн он чакты жаш улуу жигитти жактырып турду. Бул жерде бир кишинин эсеби билинип-билинген жок, сөлөкөтү турганы менен өзү жок болчу. Тамак ичилгенден кийин да бир топ отурушту. Кез-кези сөз коштогону менен Алтынбек көп сүйлөбөдү. Анын ичи удургуп эми жаңы бир азапты тапты: Гүлмайрамды Сабырга жабыштырып отурду.

Бир аптада Алтынбек кайнатадан калган жапжаңы "Жигулини" өзүнө каттатып, өзүнүкү кылып тынды. Иштин башы "Жигули" болгондон кийин кийинки эмне болор экен? Атасынын "Жигулиси" Алтынбек менен ажырашып кетсе кайра колго тийбей калбас бекен деген ой келген жок. Бул ой дилинде кири жок апасына да келген жок...

Бир күнү Гүлмайрам кечке соодасын кылып, телевизор көрүп отурат эле, телефон "чыр" этти. Алса Алтынбектин алсыз үнү. Ошол алсыз үнү менен баарын орду-орду менен түшүндүрүп берди. Көрсө, Боомдун ичинде келатып катуу авария болуп, азыр Кеминдеги ооруканада жатыптыр. "Кудай бир сактады, мен аман калганым менен машине "токоч" болуп калды...".

- Өзүң аман калганың жакшы болуптур, машине жерге кирсин, - деди Гүлмайрам чын көңүлдөн. - Мен барайын бүгүн эле.

- Келбей эле кой, жакшы болуп калдым. Анын үстүнө МАИлер суракка ала берет экен: машине кайсыл акчага алынды эле, күйөөң мурун иччү беле... дагы ушундай балээбасты суроолор. Баарынын артында эле акча турганы билинип турат. Теректи сүзүп алып кайдагы параны бермек элем. Эртең чыгам, мага келбей эле кой, алтыным...

Гүлмайрам чын эле бир топ чочуду. Өлүп калса эмне болмок. Жамандыр-жакшыдыр азыр күйөөсү да. Ал - ал болду. "Жигули" болсо бу кезде Казакстандын учу-кыйырсыз жолдорунда жүргөн. Анткени Алтынбек аны сатып жиберип, БМВ алды. Бир кыйбас досуна каттатты. Ошентип орто жолдон Гүлмайрамдын атасынын машинеси түп-орду менен жок болду. Апасы укса сөзсүз капа болот дечи, бирок түбүнө чейин изилдетип, бул ишти эч качан артынан түшпөйт. Күйөө баласынын "аман-эсен" калганына ыраазы болот...

Алтынбек ошентип "досунун" БМВсын айдап жүрөт. "Жигулинин" авария болгону унутулду. Эми Алтынбектин сонун-сонун пландары бар. Кызыгы, "авария болупсуң, эч жериң сынган жокпу, жок эле дегенде бети-башың көгөргөн жокпу?" деп сураган бири жок. Гүлмайрамдын айылдагы да, шаардагы да агаларынын алар менен эч иши жок, анан ким сураштырмак. Алыстан катышышат, жамандык-жакшылыкта дегендей... Гүлмайрамдын апасы атургай түлөө өткөрөм деп жүрбөйбү. Гүлмайрам болбой койду. "Ошонун авария болгонун кудай билет", бу сөзгө деле өтө чоң элес берген жок.

Өтө шайыр жүрбөсө да, көңүлдүү жүрчү кыз ой сазына чөгүп кеткен, эми андан эч качан чыгалбачудай болот. Кез-кези Сабыр байкеси менен аздап сүйлөшө калганы болбосо, өзүнчө дудук. Болбосо жазгы гүлдөй жайнап турбайт беле, эми болсо чаңдагы гүлдөй тебелендиде калган, чаңда калган.

***

Алтынбектин эми негизги милдети - кандай болсо да үйдү өзүнө каттатуу. Анан эркиндиктин гана кулу болот, акчага кул болот, болбосо акчаны кул кылат. "Энеңдурайын, байлыгына кайкалаган канчыкты... көп болсо, көрсө кычышып турчу Сабыры менен ойнош болуп алар. Анын ачыбаган катынына деле баарыбир болсо керек. Келин менен күйөөсүнүн сөзүн канча саат болсо ошончо угуп, энеңдурайын десе... Чын эле катыны төрөбөгөндөн кийин алса алып алат чыгар. Ага чейин Гүлмайрамдын колунда шоона эшейин десе жүнү жок. Баары эсинде жок.

***

Өткөндө Гүлмайрамдын агасы той берип, тоок тоңкоюп, арак суу каналдан аккандай болгондо кыздын классташы жанаша отуруп, анан Алтынбектин ичи тарып, тиги жигит менен кер-мур айтыша кетпеди беле. Ошондо бүркүт көзкараш, алдынан душман чыкса оңой менен селт этип койбогон, Гүлмайрамды көзүнүн огу менен тындырбай атып турган жигит - Талап болчу. Бул жерден борборго чейин авторитеттердин бири эсептелчү. Ал жигиттин көзүн Гүлмайрам далайда барып унутту, бирок келбети эсте. Ушундай жигиттер менен жашаса, атаңгөрү деп айтчулардан экен.

Бир күнү сөздөн сөз чыгып отуруп, Сабыр ушул Талап жөнүндө кеп салып калыптыр. Он бир баланын улуусу экен. Атасы өмүр бою мал артында жүрүп, эптеген бир пенсиянын ээси болуп тыныптыр. Талап онду бүткөнү Бишкекке кетип, ошол күндөн ошол жакта. Анткен менен айылына тез-тез келип турат экен. Терең тарыхын ким билсин, айтор, Бишкектен Көлдү көздөй ташылган бензинди, анан да арак-шарапты көзөмөлдөйт экен дейт. Ушундай. Атаңгөрү, ыйманы куюлган, сөздөн тайманбаган, бирөөнө болушуп, жаманды көрсө карышкырдай качырган кара мурут жигиттер ушу кезде калбай деле калды го... Ушинтип ойлоду Гүлмайрам.

Алтынбектин иши өрүнөн кетип атат, өрүштөп атат. Кез-кези менен Гүлмайрам менен кайненесине таттуу-паттуу, арзыбаган бир буюм-терим ала келет. Тигилерге караганда өзү көбүрөөк сүйүнөт барбалаңдап.

Бир күнү Сабырды дагы чакырып чай берди, бу жолу аялы кошо келип отурду койкоюп. Чай ичилди, Сабыр аз-аздан алып коет экен, жарытпай алып отурду. Сөздөн сөз уланып:

- Сен кай жерден авария болдум дедиң эле ыя, Алтынбек? - деп сурап турду Сабыр.

Алтынбек аптыга жаздап, эптеп айтты:

- Берки Боомдун киреберишинен.

- Көл жактан киреберишиненби же Нарын жагынанбы?

- Анысын деле даана билбей калдым. Көзүмдү ачсам Кеминдин ооруканасында жатам. Үч күн өтүптүр ошондо...

- Кырсык да... - деп койду Сабырдын аялы.

- Милийса келип сурадыбы?

Алтынбек эмне жооп табарын билбей дал болду. Кекечтенди.

- ...Милийса.... Эстен танып жатса кайдагы милийсасы...

- Милийса эмне, эс ооп жатканда сурамак беле. Эсалып, тил-оозго келгенден кийин сурайт... Деги, машиненин "сөөгү" кайда болду экен?

- Дагы жакшы болуп кетсем машинени сүйрөтүп келип, жок дегенде запчастка жарачусун чыгарам го... Деги жолу жок машине экен, жукпады алганы.

- Кайнатаң эки күн минип кызыгына канбаган неме сага буюрат дедиң беле?

- Мен атайылап эмес да... Сабыр байке. Тагдыр да...

- Баарын эле тагдырга түртө салган болбойт... Тагдырды өз колуң менен жасайсың.

Ушуну менен бу мейманчылыктын шааниси кетти. Шааниси түгөндү. Эмнегедир Сабыр да Алтынбекти жининдей көрөт. Ал жөнүндө көп сөз уккан, бүлөсүн беш колундай билет. Ошончодон ушундай периште кыздын жиндикана сыяктуу жерге барганын кара. Анан дагы чоң сыр бар, Сабыр билет, Алтынбек билбейт.

Сабырдын келишкен балдызы бар экен. Мына ошол сурайылдай сулуу кыз менен баягы аппак көйнөк, кара шым жигит бир ирет таанышып калат. Алтын шилекей чачырап, бат эле кызды тартып алат. Ошондон туура үч ай өткөндөн кийин бир үйгө алпарып 17деги немени зордуктап салат. Ошол бойдон Кочкор тарапка качып кетет. Бирок эки жумага жетпей кармашат. Кыздын ата-энеси "кызым, эми болору болду, турмушка чыгып ал" дешет. Көк кыз сотко берем деп, бирок бара-бара "сотко бербейм, мени кандай кордосо, ал да ошондой кордолсун" деди көөп турган агаларына. Сабыр болсо бул баланы чала-була эле бир көргөн. Бул жерге коңшу болгондо жакшы таанып отурат. Бу баланын куулук-шумдугун, ичи арамга толгонун да билет, негизи тагдыры татаал болору айныгыс.

Ошентип сатылып кеткен "Жигулиси" да билинбеди. Эки жаштын бири-бирине көңүлү жок оокаты өтө берди. Андан көрө ажырашып кеткени оң. Бирок экөөнө эрте эле. Биринин апасын аяганы, уялганы, экинчисинин жалаң гана акчага байланганы. Алтынбек бүтүндөй акчаны соруп бүтмөйүн кетпейт, өмүрүн берет, бирок кетпейт. Ал шордуунун өзү да билбеген азабы бар да - зордукталган кыздын өтүнүчү бар. Оңойго турчу иш эмес.

***

Алтынбек жаңы эле мектепти бүткөн кезде бир күнү төш тарапка уйун айдап коюп төмөн келатса, жолдон Жылдыз деген кыз чыгат. Өзүнөн бир класс кийин окуган кыз болчу. Токтоло калышып, Алтынбек:

- Кел, бир аз отура туралы, - дейт.

Кыз кыйыла макул болуп, көрпө чөпкө жемпирин салып отурат. Аркы-теркини сүйлөшкөн болушат. Бир маалда Алтынбек кызды баса калат. Түртүшүп атып... кыз белги кетет. Кыз отурат ыйлап. Алтынбек аркы-теркиден айтып, дагы бир ирет жатат. Кыз чаңырыкты салбайт. Үйүнө түз келип "чыйрыктым" деп төшөккө жатып калат. Эч кимге айтпайт, атургай жанындай көргөн бир тууган жеңеси Бурулга да четин чыгарбайт. "Ооруп" жата берет. Алтынбек болсо бир-эки классташына "сүйүнчүлөп" койгон небак эле. Эми ошол "сүйүнчү" айылдын "телефону" аркылуу аркырай эле түштү: "Алтынбек Жылдызды эметип салыптыр небак эле" деген. Бир күнү кечинде Алтынбек бир иштер менен төмөндөн келатат эле, өзүнөн туура беш жаш улуу Жылдыздын Акыл деген агасы "чынбы?" деп, анан жооп күтпөй эле тигинин табарсыгын оңдурбай тээп салды... Дагынкысы дагы болду, эзди бейм тимеле. Алтынбек жаткан жеринде калды канжалап. Анан нары-бери өтүп бараткандар жанын сактап калды. "Тез жардам" чакыртып, ооруканага жаткырышты.

Акыл үйүнө түз эле келип бүлөгө чай куюп жаткан Жылдызды бир акырая карап, аны да Алтынбектей тепкилеп ийе жаздап барып, өзүн араң токтотту. Ошондон эки күн өткөндөн кийин Акылды төрт милийса келип машинеге салып кетишти. Сурак жүрдү. Алтынбектин айтуусунда: "Акыл өлө мас болуп өйдөдөн келатыптыр. Мени көрүп тамеки сурады, жок дедим. "Эмнеге жок?" деп көтөрүп чаап, көпкө тепкилептир. Эсим ооп калыптырмын, башкасын билбейм. Көргөндөр айтышты туура 45 мүнөт тепкиледи деп. Алар көрбөгөндө даана өлтүрүп салмак экен". Экөөнү маңдай-тескей отургузуп жатканда айтты Алтынбек буларды. Баары байкабай калышты, Акыл ордунан атып туруп, күрөктөй колу менен дал тумшукка берди эле, Алтынбек тиги дүйнөгө кете жаздады. Тергөөчүлөр экинчи соккондо араң сактап калышты. Бат эле эсине келген Алтынбек: "Зордуктаганым чын болсо эркектик уругум кана? Тытылган турсийи кана, тытмалаган мендеги издери кана?!" деп атырылып атпайбы. "Ой энеңдурайын ачкүсөн, сенде анын эмне ишиң бар! Булар текшерип алышат". Дал ушул жерден Акыл астындагы үстөл менен кериле бир чапты. Алтынбектин эси ооду, эптеп жатып Акылды сүйрөп кетишти.

Кызык иш болду. Зордуктап кумар кандырган Алтынбек аппак бойдон калды да, Алтынбектин башы жара чабылды деп Акыл эки жылга соттолуп кетти.

Акыл менен Сабыр тең болчу, айылдаш да эмеспи. Бул окуянын талкуусу туура бир ай чамасында болду окшойт. Айыл эки анжы: "Ой, эмне азыркы кыздарда бет бар беле, берсе берип койгондур бойго жетип турганда. Болбосо тиги Алтынбек кантип эле соттолуп кетпесин" дейт бири. Экинчиси: "Балалыгынан эч нерсе билбей жанагы эркектин уругун турсийи менен кошо жууп, кургатып салыптыр, аны эмне менен далилдейт, ыя?" дейт. "Энеңдурайын, ал Алтынбек деген дурус бала эмес. Колдон келсе уругунан чыгарып, мына деп кургатып..." ушинтип жан тарткандар бар кызга. Акыл болсо аман келсе, кайра өлүмгө кесилсе да Алтынбекти "аял" кылмай болду түрмөгө кесилгендеги сөзүндө. Ошондон бери ичкени ирим, жегени желим...

***

Сабыр ошондон Алтынбекти жаман көрөт, ыгы келсе көзкыстым кылып койсомбу деп да ойлоп кетет. Аны убакыт көрсөтөр. Алтынбектин ошондой айбандык сыры бар, кайненеси билбеген, аялы билбеген...

***

Бир күнү Алтынбек Бишкектен көңүлдүү келди. Килейген индюк, таттуунун түрү, жер-жемиштен кеңири алган. Анан аялын салып алып кайненесиникине келди. Баарынан кызыгы биякта экен - көк асман түстөгү, роза тибиндеги гүлдүү көйнөк кийгизди. Көрсө, кайненесинин туулган күнү тура. Эне да, кыз да аябай сүйүнүп турушту. Козудан кем эмес индюк казанга салынып, дасторконго түрдүү даам коюлду. Жакшы сөздөр сүйлөндү, тамак жакшы желди. Ушинтип, көңүлдү эми бир алды куу күйөө бала.

Үч-төрт күн ишине чыкпай огородун карады, буудай менен картошканы сугарды. Чөп чапты. Айтор, бул күндө таңзаардан, кечкүүгүмгө чейин тыным алмай болгон жок. Энени аябай ыраазы кылып кетишти.

***

Эми Алтынбек эң чоң, коркунучтуу планды ишке ашырууга киришип, Гүлмайрамдын башын моминтип айлантты:

- Гүкү, азыр мээси барлардын көбү ар түрдүү жол менен байлык топтоп жатат. Билген кишиге оңой эле иш экен. Азыр кредит деген сонун нерсе бар, ыгын тапсаң накта байлыкты өзү апкелет. Үйдү кредитке берели эки жылга. Бир жылында эле актайт.

- Кой, атамдан калган үй, кредитке берүүгө болбойт.

- Эмнеге болбойт. Элдин баары эле коюп жатпайбы?

- А силер кредиттен талаада калыпсыңар го?

- Ал деген... ал деген туура эмес оформить этилип калган.

- А биздики туура оформитетилеби?

- Миң өлчөп туруп, бир кесем.

- Жок, кредит болбойт, - Гүлмайрам басып кетти.

"Болот, болбогондо кайда бармаксың" деди Алтынбек ичинен. Жети атасын алдачу амал тапса да, үйдү сөзсүз сатат, анан проценти көп банкка салат. Анан... Анан ошондон кийин тырыңдаганын таштабаса, "кош бол, түбөлүк куралым!"

***

Ошентип тирилик жүрүп жатты.

Бир күнү Сабырдыкына Талап досу келди. Айттык го, Талап кримдүйнөнүн бир жерин чойгон жигит деп. Сабырдын сүйүнгөнүн айтпа. Ушул Талап үчүн атайылап байлап жүргөн куйруктуу козусу бар эле, дароо көтөрүп чапты. Тегерегин чакырды. Алардын арасында Алтынбектер да бар. Талап менен Гүлмайрам ана бир көрүштү. Жүрөктөр соолуп-тирилди. Бүт дүйнөнү майрам, бейпилдик каптап кеткендей болду. Бирден учурашты, бүттү ошону менен, мейман шааниси башталды.

Гүлмайрамдан кичүү бир-эки келин бар экен, оокатты ошолор жасады. Гүлмайрам каптал тарапта, Талап төрдө отурду, ортолорунда отургандар бар. Бирден чай келип уурталды. Ана эмесе, шарт-шарт көздөр чагылышып, үй ичи чагылган түшкөн сымал эки көз ирмем тиктешип, биринен-бири качты. Эми карамай калды. Жер тиктемей же башка жактагылар менен маектешмей. Анча жаш болушпаса да, шаңы менен отурушту.

Алтынбек жүрөт акылдуусунуп, Сабырдан Гүлмайрамды кызганып коюп. Бир маалда сыртта бийлеп жатышат эле, "чарт" эткен үн чыгып, магнитофон токтоп, анан акырын ыйлаган үн чыкты. Көрүнгөн эркек менен бийлесиң деп Алтынбек Гүлмайрамды жаакка чапкан экен. Шаң тынчыды. Мындайда кимдин аялына ким болушмак эле, тынчып турушту. Кой эми дешип, музыка кайрадан башталды. Бий кайра күчүнө киргенде Алтынбек бери жакта турат эле, Талап акырын басып барды.

- Салам, иничек?

- Бир эле учурашам! - деди Алтынбек орой.

- Тамашаны барктай албайт турбайсыңбы, ыя, братишка?

- Эй байке, көп башты оорутпай нары барыңызчы!

Талап нары барган жок, бери барды. Алтынбекти ийинден кармап бир кысты эле, ал бакырып жиберди. Эл дагы тынчый түштү. Талап үйгө кирди. Көзүнөн жашы тынбай, ушунун баарын Гүлмайрам карап турган. Эки көз дагы тиктешти, уурттарында жылмаюу пайда болду. Гүлмайрамдын бир көз карашында: "Ошону сооп кылдыңыз, ага" дегендей кылды эле, Талап назик жылмайды. Эми меймандын баары үйгө кирип, "ыр кесе" уюштурушту. Айыл жеринде не бир мыкты үндөр бар, филармонияда бүт өмүр иштегендердей эле. Бир келин тартты:

"Жүрөгүңдү берчи катканга,

Мен да катып барайын..." - жүрөктү сууруган ушундай катуу ыр кетти. Чын эле жүрөктү түптамырынан сууруп алгыдай ыр экен. Ырдагандан демигип, эрип-эрип кетишти. Эки көз бири-бирин карап эрип, окус кетип сокур болуп калчудай. Кантип гана чыдап отурушат. Бир кудай билет, бир экөө билет, башка эч ким билбейт.

Алтынбек кез-кези Сабырды жек көрө карап, колдон келсе жеп жиберчүдөй ызырынат. Ызырынып, жинденгени теңирден тескери кетип жатат. Өзү тескери жүргөн немеге ырас эле болду окшобойбу.

Эки көздүн эч нерсе менен иши жок, махабаттын жан чыдаткыс алоосуна өрттөнүп жатышат...

***

Бу жарыкчылыкта эң күчтүү нерсе эмне? Талаш жок, ал - акча. Акча деген достуктан да, сүйүүдөн да, тууганчылыктан да күчтүү. Акча дегениң энең, атаң, биртууганың, аялың, сүйгөнүң менен тытыштырып коюуга оңой эле алы жетет. Баарынан өлүм күчтүү, өлүм улуу дейт. Аның шоона эшпеген сөз. Эр болсоң акчаны өлтүрүп көр, адам эмес шайтандын өзүн да алдап койчу акчанын кудуретин төмөндөтө албайсың. Эч качан, эч качан!

Кенедейинен акча көзүнөн учуп, колуна тутам акча кармап көрбөгөн Алтынбек күн өткөн сайын акчанын туткунунда калды, эч кимди куткартпачу сазына кекиртектен батты... Эми мингени "Ауди" болуп, Бишкек менен Чолпонатанын ортосунда байма-бай каттайт. Килейген үйдүн бардык бөлмөлөрүн майдан баштап сентябрга чейин эсалуучуларга берип, Гүлмайрам экөө короодогу чакан времянкада жашайт. Алтынбек көбүнчө жолдо, болбосо Чолпоната, Балыкчы, Бишкектеги ойношторунун койнунда болот. Гүлмайрамга болгон сезими таптакыр жоголгон. Келин-кызын аралаштырып, ылгабай жүрөт. Далайына баш кошобуз деп да койгон. Гүлмайрамдан кол үзүп кетет эле, бирок азырынча кетпей турган себеби бар. Ошол оюн ишке ашырса, анан "кайдан көрдүм кара эшек" болот. "Эртең апама барып учурашып келбейлиби" деп Гүлмайрам ар дайым сагынып турчу апасына баралы десе, Алтынбек: "Эй, бир ойлонуп туруп сүйлөсөң боло... Азыр деген бензиндин баасы канча экенин билесиңби?! Автобус менен эле барып кел, беш-он эсе арзанга түшөт. А мен болсо азырынча сагына элекмин..." дейт жалгыз дамбал менен келип кайындан марыган неме...

Гүлмайрам Алтынбектин айбан экенин небактан түшүнгөн, бирок ажырашып кетүүнү ойлоно элек. Эмне үчүн андай экенин өзү деле билбейт. Кез-кези Алтынбек менен бир төшөктө жатканда мокочо менен жаткандай болот. Ушул азыр туруп алып, түн экенине карабай апасыныкына баса берейин дейт нечен ирет. Ордунан туруп, кайра жатат төшөк четине денеси тийип-тийбей...

***

Бир күнү Алтынбек Бишкектен каадасынча төрт адам салып алып, Чолпонатага жол тартты. Алдына отурган кырктарга чыгып калган киши таптакыр оозу тыйылбаган неме экен, чет элдик жаңылыктарынан баштаган кеби кыргыз өлкөсүнө келип, андан Чолпонатага келип жетти.

- Эмне иштейсиз, байке? - деди Алтынбек

- Эмне иштемек элем, бизнесменмин.

- Эмне бизнес?

- Азыркы жаштар аябай кыйынсыңар, ээ? Баарын билгиңер келет, баарын алгыңар келет.. Жер менен иштейм. Үй салчу участокторду алып-сатам.

- Пайдасы жакшы эле болсо керек, э байке?

- Начар десем кусуру урбайбы, дурус эле. Маселен сен Бишкек менен Чолпонатанын ортосуна бир ай ташыган элиңдин акчасын мен бир эле участканын операциясынан табам. Түшүндүңбү, иничек. Сеникиндей машине бизде да бар, экөө.

- Түшүндүм. - Алтынбек мээсине күч келтире иштетип, акчасын эсептеп жиберди. Ту-уй энеңди, акчанын баары быякта турбайбы. Мен жөн эле бок жеп жүргөн экем да...

Чолпонатага саат бирлерде келишти. Ошол жерден Алтынбек жанагы кишиге жабышты:

- Байке, сиз мага аябай жагып калдыңыз. Мени менен бираз олтуруп пиво ичпейсизби?

Тиги өзү деле суусап араң турганбы, дароо макул болду. Экөө бир дурус делген анча бака-шакасы жок кафеге киришти. Алтынбек бу жолу акча аяган жок. Тамактан дурус алды, пийвасы да сорттуудан эле. Биртопко сүйлөшүп отурушту. Анан гана баштады Алтынбек сөзүн тамашага чалымыш болуп, күлүп:

- Байке, участок сатканга мени шакирт кылып албайсызбы, устатынан шакирти өтүптүр кылайын...

- Менин ишимде шакирттин кереги жок. Эгерде чын эле кааласаң, жол-жобосун үйрөтүп койсом болот. Аккөңүл адаммын өзүм. - Ырас эле бу неме аябай аккөңүл көрүнөт, билгенин калтырбай айтмай болду...

Эми жанагы "секрет" айтмакчы болгон Бектур деген жигит жер алып-сатуунун жол-жобосун шатыратты:

- Эй, иним, башында эле айтып коеюн: адегенде момуну айт - акчаң барбы?

- Эптеп табармын, байке. Тирүү болсок...

Бектур Алтынбектин сөзүн бүтүргөн жок, кесе айтты:

- Ай, сен кандай баласың, ыя?! Тирүү болуп эптеп тапкан акчаң эмнеге жарамак эле, бокко да жарабайт. Ишти баштайм десең кеминде он миң доллар керек. Эң азын айттым. Мындай акчаң жокпу, тейтеңдеп көп убара болбой машинеңди кылдырат.

Алтынбек эмне деп жооп берерин билбей калды. Саткан машинеси, эки жыл бою эс алуучулардан топтогон жана жүргүнчүлөрдү ташыгандан түшкөн акча, кайнененин жеринен түшкөнү, айтор, арам акчалардын бириккени - он миң долларга чамалап барып калган. "Он миң долларым бар" деген сөздөн коркуп, айтпай жатпайбы.

- Бир туугандарым жакшы турушат, алардан алам, өзүмдө да бир аз бар, - деди Алтынбек.

- Андай болсо иш башка дечи, - деди Бектур. - Бу Чолпонатанын тегерегиндеги айылдардын жерин каалагандай бөлгөн Бекин деген мен курдуу жигит бар. Акимди кошо бийлейт. Оозуңан чыкпасын, бул акимге ошол Бекин Бишкектен төрт бөлмө үй сатып бериптир. Ойлоп көрсөң, Бишкектен төрт бөлмө квартира алыш... ой-бо-ой, эмне деген акча? Мына ошол Бектур менен сени тааныштырып коем, калганы өзүңдүн ишиң, уктуңбу? Баса, айтып коеюн, ал сырты жылтыр кыз-келинди көрсө, капталынан гана эмес, оңкосунан сайылат.

Ушул жерден Алтынбек энеси эгиз төрөгөндөй сүйүндү, аялдар жагынан мыкты адис болуп бараткан чечек. Аял эле керек болсо... Бу маселе жөнүндө далай сонун бетикөрксүз пландар чубуруп, Алтынбектин мээсин компьютер кылып таштады...

***

Ошондон бир жума өткөндө Чолпонатанын чет жагында эл аз барчу, бирок өтө мыкты эсептелген кафеде Бектур, Бекин, Алтынбек, Гүлмайрамдар отурушту. "Өзүң бар, мен барбайм" деген Гүлмайрамды ой-боюна койбой, аздап катуу кетип, көбүнчө чөөдөй шыйпактап, жанын жеп жалынып жатып апкелген. Аңгыча тамактын түрү келип, сөз шыр кетти. Ага себепкер - баралына келип, сулуулугу денесине сыйбай, сүйгүң келип, кумарың кандыра эле сурайылдай сулуу Гүлмайрамдын Бекин мырзанын бетмаңдайында олтурганы болду. Бекин мырза Гүлмайрамды бир эле карап дал болду, өзүн жоготуп кое таштады. Мындай кереметти көрүппү эмне! Өзүнүн боекко ботала болгон эпадам бээ ордуна сойсо туура үч эли чыкчу аялын, мастан кебетеленген, бирок сулуу ойношун элестеп, салыштырып жиберди. Жүзү курусун алардын. Бу чүрөктү көрбөй кайда жүргөн. Илгери Ормон хан Соңкөлдү мага көрсөтпөй катып жүрүпсүңөр деп ошол жердин манаптаны жекирмекчи, ушул азыр Бектурду тилдеп, "эмнеге менден катып жүргөнсүң, энеңдурайын, суболуч!" дей таштады. Ал билелек болчу, бу сулуу кимдики экенин. Жаман оюнда мага апкелген го деп да жиберди.

Алдыларына түр тамак, салат-палаттар, ичимдиктин түрлөрү келгенден кийин Бекин мырза Гүлмайрамды "алыңыз, ичиңиз, жеңиз" деген сөздөргө чулгап турду. Жүрөгүнө тамак барбайт, өзүн алаксытыш үчүн ичкиликтен күчүн чыгармай болуп тостторду калтырбай ичти. Бектур да, Бекин мырза да, ал эмес күйөөсү Алтынбек да Гүлмайрамды ичире албай кыйнашат. Келин ичпеди. Үчөөнүн биринен бири өткөн сураныч-өтүнүчү, атургай байкалбай ооздон чыккан жалынуусу жардам бербеди. Гүлмайрам оозуна ичкилик алган жок. Жемиштен жасалган суусундук ичип, алдында турган тамактан жемиш болот...

Бекин мырза менен Бектур саат өткөндө биртоп кызышты. Алтынбек да кызуу кебетеленди. Бирок куу неме анысын жасалма кылды. Ченеми менен ичип, баарын байкап, бу отуруштун тизгинин колунан чыгарган жок. Улам кызыган сайын Бекин мырза Гүлмайрамдан көзүн албай, жандүйнөсү балмуздактай эрип, муун-жүүнү бошоп, мына-мына баса калып өпкүлөп жиберчүдөй умтула калып, алты амалы түгөндү, жаны жыргап, кайра куурады... Аялдын азгырыгы бу жолу анын жанын тынчытып кое жаздады. Анткени Гүлмайрам назиктиги да, сулуулугу да, аялзаттыгы да жомоктогудай болчу, эч жасалмасыз...

Бекин мырзанын оозунда Гүлмайрам "Гүкүгө" айланды. "Гүкүшка" деп да коет тантып. Бекиндин Гүлмайрамга болгон мамилеси Алтынбекке ай-да жакты. Гүкүнү каршы болбой бу кишиге жылмая карап, жагып турса экен дейт, атургай экөө ойнош болуп алса экен дейт... анан ошондон соң өзүн кудайга теңей, эчкимди тоотпой мына-мына жарылчудай көөп турган неменин ооздугун өзү тартат, билгенин кылат, кылдырат...

Кафеде эки жарым сааттай олтургандан кийин Алтынбектин небак ойлонуп койгон планы боюнча эки мейманды өз үйүнө алпарып жана бир ирет коноктомой болду. Сөз ошого токтолуп, Алтынбек машинесин үйүнө бурду... Бекин мырза да, Бектур да машинесиз эле. Ичебиз да деп айдашкан эмес.

Гүлмайрам тез эле дасторконун жайып, сый тамагын жайнатты. Эки мейманды да, күйөөсүн да жининдей көрүп турду. Тарбия көрүп өскөн неме салыңкы кабагын билдирген жок. Көзүнүн тереңинде да бир кайгы, түпкүрдө жаткан муң бар эле. Эки жакшы мас, бир орто мас - үчөө ал көзкарашты көргөн жок. Сулуу мүчө гана урунуп турду көздөрүнө, өзгөчө эки мейманга... Ал жерден ичилип, желип жатты. Бир маалда үч эркек тамеки тартмай болуп короого чыгып, ошол жердеги картайган алманын түбүнө тегерете орнотулган орундукка отурушту.

- Жакшы жигит экенсиң, сыйыңды жакшы көрсөттүң, - деди Бекин мырза, - сыйды менден да көрөсүң. Эмне маселең болсо да түз эле мага кел, сразу бүтүрүп берем. Сендей сыйкор, тың жигиттерге абаңдын эмгеги жардам бербесе, энеңдурайын ошондой эмгектин, уктуңбу, ыя, Алтынбек?! Анан келинчегиң да алтындын бир алтыны экен, карындаш катары мага аябай жакты. Иши чыгып калса, түз эле мага келсин. Эшигимди ыргыта тээп, уктуңбу, Алтынбек?!

- Уктум, байке. Сизге ырахмат, өтө улуу, авторитеттүү башыңызды кичик кылып ушинтип сыйыбызды азга көрүп бергениңиз үчүн өмүр бою сизге кызмат кылып берсем да аздык кылат, - деп туруп Алтынбек жер бөлчү байкесине жабыша кучактап, жаман катындан жакшыраак өөп өттү үч ирет. Ана эмесе, берки да өптү сыга кучактай, "мурун эле таап албай сен окшогон бычакка сап жигиттерди". Бектур да өбүшүү процессинен сырт калган жок, а да өбүштү экөө менен.

- Гүкүнү чакырчы, - деди бир маалда Бекин мырза, - келип өз колу менен жүздөн куюп алдырсын, бир жашара түшөлү дейсиң...

Алтынбек сүйүнүп кетти. Дароо үйгө чуркады да, кирип эле кыйкырды:

- Гүкү, жүрү, сени чакырып жатышат. Өз колу менен жүздөн куюп берсин дебатат Бекин байке. Бол, батыраак!

- Мен аларга официант эмесмин, - деди Гүлмайрам өтө токтоо, - сен өзүң акырын куюп бере бер!

- Сен эмне деп жатасың! Ушундай жөнөкөй киши жанына басып баралбачу мыкты адамдардан да отказ кыласыңбы?

- Андай мыкты адамдарыңа өзүң кызмат кыл, мени кыйнаба! - Бу жолу Гүлмайрамдын үнү каардуурак чыкты.

Анын бир айтканын бербеген мүнөзүн билчү Алтынбек тилдейин деп тилбей албай, айла-амалы жок сыртка чыкты. "Энеңдурайын, бир күнү сазайыңды колго бербесем элеби?.. Эмнеңе тейтектейт экенсиң...

Алтынбек берки экөөнүн жанына келип, жүздөн куюп алдырды. Анан Бектурга айтты:

- Байке, экөөбүз бир жакка барып келбейлиби. Бекин агай тиги Гүкү менен эрмектеше турсун - деп бир топ кызуу Бекинге ачык эле көз кысты.

Бекин да, Бектур да түшүндү. Экөө машине менен кеткенден кийин Бекин оолжуй басып времянкага кирди. Гүлмайрам эч нерсе кылбай эле көңүлү өтө жаман чөгүп, стулда отурган. Кирип келген "тогуз айлык курсактуу" Бекинди көрүп, ордунан шарт турду.

- Гүкү, - деди артка чегине берен келинди качыра басып, - келчи, жүзүңдөн бир сүйүп коеюн.

Гүлмайрам эмне айтарын билбей туттукту. Тамагы кургай, оозуна сөз келбейт. Бекин мырза келинге жетип кучактамакчы болгондо, келин аны түртө салып короого качып чыгып, андан ары көчөгө чыкты. Эмне ойлорду билбейт, кайда барарын билбейт. Бектур менен Алтынбектер кайда жоголгон - оюна ушул келди. Экөөнүн эмнеге кеткенин түшүнбөдү... Бекин мырза короого чыгып, отурган жерине барды. Сүйлөнүп коет: "Энеңдурайын жаш жалап, түз эле төшөккө сүйрөгөнсүп качат. Колго бир илинесиң, чыркыратып туруп... энеңди...". Пиво куюп аткан бокалга арактан толтура куюп, бир эле тартты. Көп өтпөй ошол отурган сөрүдө эле оңкосунан сайылды, аздан соң короо толо коңурук чыкты...

***

Гүлмайрам көчөдөн өтүп, маңдайдагы бир үйдүн орундугуна отурду. Жанында арманын айтар, жөлөк кылар эч кимиси жок, мууну бошой кыска өмүрүнө саресеп салат. Тышы жылтыр көрүнгөн ушул айбанга эмнеге башын байлады экен. Ичи толтура булганыч экенин эмнеге билбеди десең... Ушул айбандан тукум калбаганы да бир чети ырас болуптур. Минтип ойлоп алып, эки наристеси эске түштү, көздөн жаш акты. Бирин суук тийгизип жок кылышты эле, экинчиси боюнан түшкөн үч айлык болуп... Бу айбанга тукум буюрбайт деп жараткан чектеп койсо керек, сооп болот. Боюнан түшкөндөн кийин өзүн боюна бүтүрбөс кылып алган. Эми ажырашат. Кимге да болбосун баш кошот. Алтынбектей айбан болбосо гана болгону... Талапты ойлоду. Анын оттой күйгөн, антсе да сүйкүмдүү көзүн элестетти. Ал киши мына-мына машинеден түшүп, түз эле өзүнө келип, "сага эмне болду, жаным" деп сыга кучактачудай чымын-куюн болуп наркы-терки тынбай сызган машинелерди карап коет, куураган келин...

Гүлмайрам көпкө отурду да, бир маалда эсин токтотконсуп ордунан туруп, жанаша жашаган Сабыр кошунасынын дарбазасын какты. Эки жашар баласы менен үйдө отурчу аялы ачты да, Гүлмайрамды көрүп, эригип отурган неме сүйүнүп да кетти. Анын үстүнө бу келинди аябай жактырчу:

- Кел, келегой. Кийинки күндөрү келбей да калдың.

Бу Ырысбү деген ырысы куюлган аял оозу тынбай сүйлөп, чай куюп берип, көңүлү экинчи көтөрүлгүстөй бүркөлгөн Гүлмайрамдын жүзүнө жылмаюу киргизди. Сүйлөгөн сөзүнүн көбү да куудулчалыш эле. Гүлмайрам бир маалда жанын сүлүк курттай соруп жаткан күйүтүн көз жаш чыгара айтып берди. Үй ээси улам шыпшына, кээде "атаны өлүгүңдү көрөйүн, ай-э!" деп коштой укту. Өзүн токтото албай ыйлап жиберген жаш келиндин көз жашын сүртүп, кучактай сооротту:

- Кой, карабашым, ыйлагандан пайда чыкмакпы. Андан көрө акыл токтот. Ошол айбандан ушунчаңда кол үз... Өлүгүңдү көрөйүн челектей болгон. Ал көз артпаган катын калды дейсиңби бу чөлкөмдө, - деп Бекин мырзаны да сөгүп өттү.

Кечинде Сабыр жумуштан келип, а да сүйүндү үйүнө Гүлмайрамдын келгенине. Гүлмайрам менен Ырысбү экөөлөп лагман чоюшту, Сабыр бөтөлкө ачып, тамак менен эки-үч ирет алды. Берки экөө ичпей эле далайга отурушту, сөздүн жакшысынан кууп сүйлөп. Ошол түнү Гүлмайрам булардыкына конуп калды.

***

Бектур менен Алтынбек көлгө чумуп, үч-төрт сааттан кийин келишти. Жаман ойлорунда эзилишкен экөөнү көрмөй болуп келишкен. Андай болбоду. Бекин мырза чалкасынан түшүп коңурук тартат, көйнөгү киндиктен өйдө түрүлгөн, эпсиз курсагы жийиркентет. Алтынбек аздап жанале ушуга таштаган аялын кызганып да кетти. Аны издеп таппады. Жүрөгү опкоолжуй баштады. Апасына кеттиби, же тигил айбандан кордук көрүп бир жерге барып асынып алдыбы?.. Бардык жерди тинтип чыгып, анан Сабырдыкынан сурады, бу жерге келген жок деди Сабыр. Башка да үч-төрт кошунага барды - жок. Үйүнө келсе Бектур:

- Куй, куйчуңдан жүз, - деди эле, Алтынбек куюп, экөө ичип отурушту биртопко. Түн кирип калганда Алтынбек Бектурду жеткирип келди. Бекин мырзаны ойготууга батынбай, үйдөн жууркан алып чыгып жапты эле, аздан соң тиги ысылаган неме жуурканын серпип салды. Алтынбек өзүн-өзү жооткото үйгө барып жатты. "Кайда бармак элең, энеңди... Кетсең кете бер, үй болсо өзүмдүкү..." бул заңгыраган үйдү Алтынбек кайненеси менен Гүлмайрамдын алды-артына түшүп атып, өзүнө каттаттырып алган аз мурун. Эки момун неме жакшы тилек менен керектүү кагазга кол коюп беришкен.

Алтынбек эрте турат. Бу жолу да эрте турду, бираз башы ооруп калыптыр. Сыртка чыгып сөрүдөгү столдон пиво алып ичти. Дүңкүйгөн Бекин мырза эми эле көзүн ачкан. Алтынбекти көрүп, сүйүнүп кетти:

- Ой, иним, ырас келбедиңби. Куй эми, куйчуңдан! - деп ордунан онтолой араң турду.

Алтынбек жарымдаган бөтөлкөдөн кичинекей стаканга куйду эле, Бекин мырза борк этти:

- Ай, иним, чоңураак эле куйчу!

Алтынбек чай ичкен чыныга куйса толбой калды эле, жаңы бөтөлкө ачып, баса куйду. Бекин мырза бир эле басты толтура чыныны, артынан пиво сокту бөтөлкөсү менен. Адан соң Бекин бажырая берди. Алтынбек да жүздү сокту, анын да көңүлү ачылды. Бу турмуш майрамдай болуп, Бекин мырза доллар болуп көрүндү. Аялын эстеп, аны таап келерди ойлоду. Анан чай койду, кечээ алган эттен сорпого салып жылытты. Экөөлөп жешти. ичишти, чайын да, беркилерин да...

- Аялың дурус адам экен, - деди Бекин мырза. - Баса, ал кайда кеткен?

- Апамдардыкына барып келейин деп кеткен, - деди Алтынбек жанын жеп, - эрте эле келем деген.

- Кап, биз кеткенден кийин барса болмок экен, - деди Бекин мырза өзүн "биз" кылып. - Эмдиги жумада Бектурду алып, Гүкүн болуп төртөөбүз жайлоого барып, бир-эки күн эс алып келбейлиби?

- Сонун болмок ошентсек, - деди Алтынбек сүйүнгөнсүп. Бирок ичинде бул сунушту жактырган жок.

- Гүкүн сөзсүз барсын, - деди Бекин мырза дагы жүздү согуп, - уктуңбу, Алтынбек?! Эми мен сенин ишиңди колго алам, эртеңден баштап эле...

- Ырахмат байке, Гүкү кайда качмак эле, сизге кызмат кылбаганда... кимге кызмат кылмак эле...

Анан биртопко Бекиндин көңүлүн көтөрүп таштады: ал келиниңиз сиздики да... Бекин мырза эрип кете таштады. Көзүн жуумп жиберди. Гүкүнү белден сыга кучактады, анан төшөккө балыктай туйлатты... Мындай жыргал болбоспу! Алтынбекке минтти:

- Алтын жигит экенсиң, атың затыңа жарашкан. Келчи, алдагы абийирдүү бетиңден бир өөп алайын.

Алтынбек бетин тосту эле, эки беттен экиден төрттү өптү Бекин мырза чалпылдата. Алтынбектин бети уй жалагандай эле боло түштү, анан "мен азыр..." деп үйгө кирип, шаша-буша бетин жууп кайра келди. Дагы ичишти. Бул маалда саат 10дорго чамалап калган. Бектур келди. Үчөө түшкө чейин отурушту да, эмдиги жумада төртөө болуп жайлоого чыкмай болушту...

Түш ооп калганда Гүлмайрам келди. Алтынбек сөрүдө отурат эле эч нерсеге көңүлү чаппай. Гүлмайрамдын келгенине чындап эле сүйүнүп кетти:

- Кайда жүрдүң кишини сарсанаа кылып, - деди үйгө аялынын артынан кирип, - издебеген жерим калсачы.

Гүлмайрам үн каткан жок, муну ит ордуна санабай местейди. Апасыныкына кетүүгө даярдана баштады. Алтынбектин оозу тынбай кошоматтана сүйлөйт: эми жер алып-сатып миңдеген доллар таба турганын, кайненесине эч нерсе жасатпай, жалаң курортторго алпара турганын, Гүлмайрам быйыл окуусун улантарын, айтор, эки адамга өтө эле көптүк кылчу жакшылык-жыргалды айтты. Гүлмайрам чакан сумкасын алып сыртка чыкканда дээрлик күчкө сала машинеге отургузду.

- Ысыкта автобуска кантип түшөсүң, кыйналып куурабайсыңбы. Анын үстүнө мен деле учурашып келсекпи деп жаткам.

Бир топ жерге чейин сүйлөшпөй келишти.

- Мен сенсиз жашай албайм, - деди бир маалда Алтынбек артта отурган Гүлмайрамды күзгүдөн карап, - сен мага таарынбай жүрчү.

Ушул жерден Гүлмайрам чыдабай кетти:

- Кечээ тиги кишини эмне үчүн менин жаныма калтырып кеттиң?

- Бир жерге барып участок көрүп келе коелу деп кармалып калбадыкпы... Эмне, тиги киши бир нерсе айтып таарынттыбы? - деди Алтынбек анткорлоно. - Анткенин билсем түз эле айтмакмын, уятыңыз жок экен деп.

Гүлмайрам сөздү уланткан жок. Кайрадан местейди. Алтынбек жол четиндеги бир чоң дүкөнгө токтоп, апабызга деп толгон-токой тамак-аш көтөрүп чыкты. Атайылап арткы эшикти ачып, Гүлмайрамдын жанына койду үч пакет толтура оокатты.

Кыз-күйөөсүнүн келгенине Калыйпа аябай сүйүндү. Экөөнү катары менен өөп, жан-алы калбай дасторкон жайып, үстүн жайнатып чай берди. Гүлмайрам ичинде өрттөнүп жатса да, аны сыртына чыгарган жок. Уламдан-улам эрип барат апасынын жалынганын, күйүнгөнүн көрүп. Чай ичилип бүткөндө Алтынбек "мен азыр келем" деп машинесин айдап бир жакка кетти. Бул жерден биртоп тааныш күткөн күчкүйөө болуп жүрүп. Түз эле бир жакшы тааныш жигиттин үйүнө келди. Оңдой берди болуп ал үйүндө экен. Амандашып көрүшүп, даам ооз тийгенден кийин Алтынбек келген жөнүн айтты:

- Бир семиз козу таап береби деп келдим эле. Өтө керек болуп атат.

- Тиги көчөдө бирөө байлап сатат. Асмандын башын сураган неме.

- Асмандын башын гана эмес, бүтүндөй ааламды сурасын, жүрү кеттик, - деп Алтынбек акчасы көбүн, айкөлдүгүн белгилеп койду. А бирок корой турган акчасын ойлоп, ичи өрттөнүп жатат.

Чынында эле козулар кымбат экен. Алтынбек куйруктуу кара козуну тандады эле, анысы туура эки жарым миң экен. Кан сийип жибере таштап, бирок да анысын эч билгизбей акчасын санады.

Үйгө жанагы таанышын ала келип, экөөлөп козуну союп казанга салышты. Козу союларда Алтынбек кайненесине бата кылдырды. Өзү айтты:

- Апа, сизди этсиреп кетти го деп ойлоп эле алып келдим. Өмүрүңүз узун болсун.

- Ырахмат, балам! - деп кайнене бырбыңдай жашып кетерге аз калды, эптеп карманды.

Жеринен боорукер Гүлмайрам Алтынбектин бул ишин жактырып турду, өзүн жаман көрүп турса да.

Алтынбек ыраматылык кайнатасынын эки инисин аялдары менен чакырып келди, кайненеге кеңешип туруп. Бүт тулкусу майга айланган козунун эти эзиле бышып, табак тартылды. Алтынбектин эки кайнагасы улам жүздөн согуп, устукан мүлжүп ыраазы болуп отурушту. Бүт ыраазы Алтынбекке бу жерде отургандар..

Алтынбек мындан эки жыл мурун биринчи жолу келгендей кайненеге кызмат кылды. Али түшүм жыйналчу маал келелек. Кайнененин буудайын, картөшкөсүн, огороддогу алма бакты сугарды. Катып бараткан беденин экинчи чабыгын чапты, үч-төрт баланы жардамдаштырып. Кайнененин кубанычы койнуна батпайт. Ошентип Алтынбек туура он беш күн кызмат кылып жүрдү. Бу кезде Гүлмайрамдын ачуусу биртоп тарап калган, Чолпонатага чогуу келишти.

***

Күз келди, ошондон бир ай өтүп. Алтынбек кайра келди кайнененикине Гүлмайрамды ээрчитип. Буудайын чаптырып сатты, алмасын үзүп сатты, картөшкөсүн каздырып сатты. Өзү да кур калбай калган акчаны кайненеге берди. Ал бу канча акча дебеди. Бишкекке бир күн каттап, акча салчу банкына күздөгү эмгегинен түшкөн акчаны салып кайтты. Коон, дарбызды толтура алып келди, бир койдун жарым куйругун кестире келди. Гүлмайрам манту жасады ошол күнү. Коон, дарбыздан туугандар менен кошуналарга кеңири ооз тийгизишти. Эки-үч күндөн кийин Чолпонатага кайра келишти. Ошол келгенде Алтынбек үйдү саталы, аны участок алып сатканга керек кылам деди. Кийин мындан заңгыраган үй алып, апабыз көнсө колго алабыз, жалгыз жашап куурап атат, айылдагы үйдү, үлүшкө тийген жерди да сатабыз. Апабыз карып баратат, жакшы жашаталы деп Алтынбек Гүлмайрамдын мээсин тегеретти. "Папаман калган үйдү кантип сатабыз" дейт Гүлмайрам. Деле ойго келбечү сонун-сонун сөздөрдү айтып Гүлмайрамды көндүрдү. "Апама бир ооз айтпайлыбы" деген сөзгө Алтынбек: "Ушинтип оокат кыла баштаганыбызга апам кайра сүйүнбөйбү, кой демек беле" деп дагы көп сөз айтып, үйдү кеңешпей эле сатмай болду. Анын үстүнө үйдү жалгыз өзүнүн наамына каттаткан.

Ошентип үй 40 миң долларга сатылып, Алтынбектин банкына түштү. Куу неме акчаларын күчтүү, ишенимдүү деген банкка салат. Үчөөндө биригип доллар менен элүү миңдей болду. Бул акчаларды айландырып, көл жээгинен беш жыл ичинде бир чакан пансионат, же болбосо эки кабат эң чоң үйлөрдөн алат, аны мейманкана кылат, кафесин да, дүкөнүн да ошол үйгө ачат. Анан жашоо деген ошол болот. Гүлмайрамың менен ага чейин кол үзөт, сокур тыйын бербейт. Маадемектен сотко берсин. Эмне деп берет? Ачкөздүгү менен айбандыгы биринен-бири өткөн неме ушинтип ойлойт.

Азырынча көп кабат үйдөн бир бөлмөнү ижарага алышты. Эл ташымайды баштап, эми үйгө аз түнөйт. Кез-кези менен келип: "Таласка каттап атам, Нарынга каттап атам, Балыкчыга каттап атам" деп калп айтат. Ал жактарга айына бир барса барат, болбосо жалаң Чолпонатага каттайт. Келип эле жүргүнчүнү тырыша күтүп, орун толору менен кайра Бишкекке жөнөйт.

Баягы жер алып сатам деген тилеги ишке ашпады. Анткени жайлоого барып эс алып келели деп Гүлмайрамдан көзү каткан Бекиндин тилеги ишке ашпай, Гүлмайрам жайлоосуна барбай койгон эмеспи. Ошондон соң Бекин мырза бу сулуудан түңүлүп, Алтынбекти карабай калды. Бектур да бат ысыган мамилесин суутуп, экөөбүздүн жолубуз эки башка дегенчелик кылып койду. "Атаңгөрү экөө байланышып алса жыргайт белем" деп өз аялын бирөөнүн алдына салып бералбай калган Алтынбек аябай капа. Мындай эркектер бу турмушта кандай баага татыйт?! "Ооз менен ойдон айлансын" дейт накта жигит укса, "өлүгүн көрөйүн ошондойлорду" дейт аял киши. "Атып салса окко убал болбойбу, кескилеп же ташбараңга алып өлтүрүш керек" дейт курч адамдар... "Кантип эле ошентсин..." дейт андай айбандык оюна келбеген дагы бирөө. Алтынбек болсо анын бирин ойлобойт, наадан ишти жасаганга аракет кылганын кенедей да эсине албайт. Азыр чыдап жашап, апасы ажырашканына капа болот деп гана жашап жүргөн Гүлмайрам Алтынбек менен өмүрдү чогуу өткөрөрү аз калганын билет...

***

Бир күнү Гүлмайрам апасыныкына келди, бир айча көрөлек болчу. Автобустан түшүп, үйүн көздөй басты эле, бир машине токтоп, эшиги ачылып, бирөө түшүп үн салды:

- Карындашым, кое турчу.

Гүлмайрам үн чыккан жакты жалт карап, тык токтоду. Кез-кези менен эстей калчу Талап байкеси экен. Жүзү кызарып, денесин майда калтырак басты.

- Жакшыбы? - деди Талап Гүлмайрамдын колун жумшак кысып, - денсоолугуң жакшыбы? Апаң аман-эсенби?

Бандит дечү неменин жылуу-жумшак сүйлөгөнү Гүлмайрамды огобетер уялтып, жигитке тартылып турду.

- Жакшы, - деди жооп берип. - Өзүңүздүн иштер жакшыбы? - Үнү акырын чыгып үлбүрөп турду, жүрөк катуулай сокту, көптөн күткөндөй сезилди бу агасындай көрүнгөн келишимдүү жигит.

- Жүрү, жеткирип коеюн, - жигит алдыга баштай басып, көз жоосун алып каракөк болуп жалтыраган машинесинин арткы эшигин ачып, Гүлмайрамды отургузуп, өзү айланып келип анын жанына отурду. Башка бирөө ушинтип отургузуусуна эч качан көнмөк эмес.

Шоопурдун жанында дагы бир жигит отурат. Экөө тең бурула берип салам айтышты. Кайтарып жүргөн жансакчылары болуш керек деп ойлоп койду Гүлмайрам ал экөөнү.

Кыска жолдо Талап сүйлөгөн жок. Гүлмайрам үйүнө жетип, эшикти Талап өзү ачып, машинеден түшүрүп жатып сурады:

- Кайра качан кетесиң?

- Эки-үч күн жүрөм го...

- Гүкү, даанасын айтсаң, мен ала кетейин...

"Гүкү" деген бу сөз келиндин кулагына сонун угулду. Баягы челектей Бекиндин айтканына караганда, асман-жердей айырма бар эле. Анын айтканы кыжырды кайната жийиркентсе, бу жолку "Гүкү" жанын жыргатып салгандай болду.

- Бүрсүгүнү кетейин.

- Анда саат 10до остановкада бол, макулбу?

- Макул. - Гүлмайрам оңой эле көнүп салды.

Эки күн апасы менен болуп, сагынычы тарап, анан да Талапты басса-турса эстеп, Гүлмайрам остановкага жеткенче шашты белгиленген мөөнөттө. Талаптын машинесин алыстан эле тааныды, өзү бир жигити менен жанында турат. Наркы-терки өткөн адамдардан Гүлмайрам уялган жок, түз келди машинеге. Талап менен амандашып, ачылган эшиктен кирип, өгүнкү ордуна отурду.

- Апаңдан сагынычың тарадыбы? - деди Талап Гүлмайрамды кепке тартып.

- Тарады. Бирок азыр кайра сагынып жатам.

- Ошондой болот. Мен да сагынам апамды. Күндө сагынам. Ардайым жанында жүргүм келет, бирок турмуш анттирбейт да.

- Адам кааласа баарын жасайт да, - деди Гүлмайрам.

- Баарын жасай албайт, турмуш анттирбейт.

Гүлмайрам өз турмушун ойлоп жиберди көз ирмем, өзү каалагандай болсо жанагы Алтынбек деген айбан менен неге жашап келет. Адам каалап баарын жасаса, ушул байке менен жашап... Ушуну ойлоп Гүлмайрам чочуп кетти, Талап сезип, билип калгансып. Экөө Чолпонатага чейин илгертен тааныштай ээн-эркин сүйлөшүп келишти. Бири-бирин өткөндө эле жактырып калган эмес беле. Бу жолу ал жакшы көрүү накта сүйүүгө айланып тынды окшойт. Бири-бирине тике карай албай, жүрөктөр жарыша согот катуу.

- Гүкү, мен бүгүн түз эле кетем Бишкекке, зарыл жумуш бар, эртең кайра келсем, Көлдү тегерене кыдырып келбейлиби?

Бу жолу Гүлмайрам дароо жооп бере алган жок. Ит болсо да күйөөсүн таштап бирөө менен кете элек эле. Азга ойлонуп, анан айтты:

- Бир күнгө элеби?

- Сен канча күн десең, ошончо күн.

Гүлмайрам канча күн экенин айтпады.

- Эртең келемби? - деди Гүлмайрамды квартирасынын жанынан түшүрүп жатып.

- Келиңиз, - деди Гүлмайрам.

***

Гүлмайрам квартирасына келип, үй кийимин кийип диванга жатты. Оюнда Талап. Ошол күнү кечке жатып, түн кирип калганда чай ичкен болду да, кайра жатты. Бузулган аялдардай болуп эртең Талап менен кантип барат? Тааныштардан бири көрсө, сөз деген айылына, анан апасына заматта жетет. Алтынбекти болсо эсепке албады. Күйөөсү болуп экинчи бирөө менен жүрүп кеткенди жининдей көрчү Гүлмайрам эми ошол абалга туш келмей болду. А балким бул иш качандыр бир күнү баарыбир болмокпу. Азырынча эч күнөөгө батпай эле уялып турду Гүлмайрам. А бирок өзүндө эмне күнөө, эпадам Алтынбек эң биринчи күндөрдөгүдөй сылык, сыйчыл, сүйкүмдүү, боорукер болсо, анда Гүлмайрам эч бир адамды ойломок эмес, оюна да келмек эмес. Эми жүрөгү таптакыр башка адамды эңсеп согуп жатат. Ошол түнү Гүлмайрам далайга уктай албай, жакшы ою менен жаман ою итжыгылыш болуп турду...

***

Эртеси Талап саат 11лерде келип, Гүлмайрамдын квартирасынын коңгуроосун басты. Эшик ачылып, халатчан Гүлмайрам турду. Байкесин үйгө киргизип, нан ооз тийгизди, чай сунуш кылды. Ырахматын айтып, Талап чай ичкен жок, Гүлмайрам кийингенче сыртта турду. Ал бат эле чыкты: төшүндө кызыл гүлдүү ачык жашыл жемпир, анан капкара юбкачан. Мүчөсү келишет, Талапты огобетер суктандыра тамшантат.

Бу жолу Талап жигиттери жок эле жалгыз келиптир. Экөө машинеге олтургандан кийин Талап сурады:

- Кайда айдайын, Көлдү тегеренем десең да, Нарынга же Таласка барам десең да мен даяр.

- Таласка, - деди Гүлмайрам. Жок, тамашалаган жок, чын айтты. Небактан Таласты, анан Манастын күмбөзүн көрүүнү самап жүрчү.

Гүлмайрамдын бул сөзүн угуп, Талап таңгала түштү, тамаша эмеспи дегендей жылмая карады. Сулуунун жүзүндө чындык турду. Аны көргөн Талап:

- Кеттик, - деди да, машинесин от алдырды.

Гүлмайрам Талапка катар алдыңкы орунда отурган, ар нерседен сүйлөшүп баратышат. Гүлмайрамдын тигиге эркелегиси келет, жүзүнөн сүйдүргүсү келет. Ушундай абалда келатат жаш келин. Эркекке мынча суктанбагандыр...

Балыкчыдан он чакырымдай өткөндө Талап машинесин жолдон бура токтотуп, куурай баштаган чөптүү аянтка бурду. Чычырканак, тал аралаш өскөн жер экен. Машине ошол жерге токтоп, багажник ачылды. Талап атайын даярдаган тура: чөпкө дасторкон салынып, үстүнө эт, помидор, бадыраң, ширесуу, аксуу, тандыр нан коюлду, кыя кесилген чучук да келди алдыга. Экөө тамакты бири-биринен уялбай, тартынбай жешти. Тамак желип бүткөндө бата кылып жатып, Талап тамаша-чыны аралаш айтты:

- Мени менен тамак ичкениңе чоң ырахмат, эркек балалуу бол беш-алты, анан бир кыздуу бол! Оомийин!

- Эмнеге бир эле кыз? - деди Гүлмайрам.

- Мен бир эле кыздуу болгонду каалайм, - деп Талап табышмактуу айтты.

- Ошол каалаган кызыңыз барбы?

- Азырынча жок. Бирок, буюрса сөзсүз болот.

Бишкекке келгенде Талап машине алмаштырды - кубаттуу "Жип" минди. Ошол эле күнү Өтмөктүн жолу менен түнката Таласка келип түшүштү...

Талап кайсы убакта чалганын ким билет, а балким, машине алмаштырып жүргөндө чалгандыр, саат 10дордо Талас шаарына кире бериште чет элдик эки машине менен достору күтүп турган экен. Талап машинеден түшүп, беш-алтоо менен кучакташа көрүштү. Андан соң машинелер шаардын чет жагындагы эки кабат үйгө келип токтошту. Үй ээси, Эмил аттуу жигит жанагы жигиттердин чоңу, анан бул заңгыраган үйдүн ээси экен. Килейген залда отуздай киши батчу узун үстөл үстү толтура тамак. Тамакка отуруп, көп сөз сүйлөндү, Гүлмайрам менен таанышышты. Аялдардан үй ээсинин аялы гана бар. Бир саат өткөндө эт тартылды. Тамак дурус желди...

Жат-жатка келер убакта жигиттер кетип, эки мейман менен үй ээси эрди-катын калышты. Эмилдин аялы ачык сүйлөгөн неме экен, түз эле айтты:

- Төшөктү сиңдим экөөңө чогуу эле салайынбы, Талап? - деп.

Талап эмне деп жооп берерди билбей делдейе түштү эле, Гүлмайрам жооп берди:

- Бөлөк салыңыз, эже.

- Опей, ошондой беле... - деп чочуган болду үй ээси аял.

Эртеси тамак ичилгенден кийин Эмилдин коштоосунда Манастын эстелигине барышты, Кароолчокуга чыгышты, музейди көрүштү. Ыйык жер деп эсептелген жер Гүлмайрамга кызык сезимдерди апкелди, чочугансып, кооптоно жүрдү. Апасын эстеди, Алтынбек да келди эске жек көрүндү кебетеси менен. Бул ыйык жерге сыйынайын дейт, эмне деп сыйынаарды билбейт. "Апам аман болсун, Талап байке аман болсун..." дейт, бир аздан соң кошумчалайт: "мен да аман болоюн...".

Манас бабабыздын күмбөзү тарапта булар көпкө жүрүштү. Ушул жерден акча куюлуп турчудай көрүнгөн беш-алты аял-эркекке аздап акча сунушту, сурап оокат кылган немелер экен. Ал күнү да Талаптын досу жакшылап конок кылды экөөнү, бу жолу экөөнөн башка мейман күтпөдү. Ээн-эркин отурушсун дешти окшойт. Үй ээлери Талап менен Гүлмайрамдын мамилесин түшүнө бербей жатышты. Экөө же кучакташпайт, же чогуу жатпайт, эч болбоду дегенде аздан бири-бирине арзыган мамилесин көрсөтүшпөйт. Ошол түнү да экөөнө эки башка төшөк бир бөлмөгө салынды. Жарык өчүп, экөө орун алып, дароо эле уйкуга кеткендей болушту. Кайдагы уйку, соолгурдуку. Эки жүрөк алеп-желеп. Кабынан ана чыгат-мына чыгат болуп жарыла согуп, эки метр аралыкта жатышканы менен бул аралык өталгыс чеп болуп көрүнүп, ошондон кандай өтүүнү ойлоп, эми келет, ана келет деп бирин-бири күтүп, бирок баралышпай турса, эмненин уйкусу! Качпайбы, балакет уйку болсо да...

Бир маалда Талап сөз баштаганга батынды:

- Гүкү, уктадыңбы?

- Жок.

- Эмне, уйкуң келбей жатабы?

- Ии.

- Бүгүнкү күн жактыбы сага?

- Жакты. Ыйык жерди көрсөттүңүз, анан кантип жакпасын... Ыйык жерге келгенде киши кызык болот экен.

- Кандай кызык?

- Сөз менен айтып бералбайм.

Саамдан соң Талап сөз улады:

- Мен жөнүндө эмне ойлодуң, Гүкү?

- Ойлодум, бирок аны да айтып бералбайм.

- Эмнеге?

- Айталбайм.

- Эгер айталсаң, жакшыбы же жаманбы?

- Жаман болмок беле... - Гүлмайрам эми аздан ачыла сүйлөдү, - жаман болсо бу жерге сиз менен эмнеге келдим уяттан коркпой.

- Эмнеге уят?

- Менин күйөөм бар да, байке.

- Күйөөсү барлардын туура теңжарымы башка бирөө менен кете берет бу заманда. Мен жаман сөз айткан жокмун, азыркы турмуш ушундай уятсыз болуп калган.

Гүлмайрам да, Талап да биртопко үндөшпөй жатышты, бири-бирин ойлоп. Анан кайра эле сөздү Талап баштады:

- Гүкүн, күйөөң жакшы жигитпи?

- Жакшы, - деди Гүлмайрам. Жаман деп айткандан уялды. "Жаман болсо эмнеге жашап жүрөсүң?" деп айтып салсачы деп да ойлоп жиберди.

- Аны сүйөсүңбү?

Бул суроо Гүлмайрамга күтүүсүз, анан да коркунучтуу суроо эле. Эмне деп жооп берерди билбей, кызык болуп кетти да, антсе да эмне болсо ошо болсун деп туруп айтып салды:

- Жок, сүйбөйм... - анан кошумчалап койду: - Эч качан сүйгөн эмесмин.

Аздан соң дагы айтты: - Байке, экинчи ал жөнүндө сүйлөшпөйлүчү, э?

- Болуптур...

Дагы жатышты үн катышпай. Анан Талаптын денеси жанына тынчтык бербеди, моминтип айттырды:

- Гүкү, мага келесиңби?

- Азыр эмес, кийин барам... Өзүм барам кийин.

- Кийиниң качан, Гүкү?

- Өзүм айтам.

- Мен макулмун. Сен меникисиң, Гүкү, уктуңбу?

- Уктум. Мен сиздикимин...

Ушу менен экөөнүн сөзү байыды, бирок дагы бир сааттай ойгоо жатышты сезимдерин сезип...

***

Ошол Талап менен Гүлмайрам экөө Таласка эки конуп келгенден кийин бирине-бири түбөлүк арзыды окшойт. Эми ал экөөнүн биригүүсүнө эчким тоскоол болалбайт эле... Эчкимди жөн койбогон, эчкимге баш бербеген сүйүү экөөнү да биротоло туткундап салды. Эр болсо бошонуп көрүшсүн андан, кутулуп көрүшсүн эр болсо...

***

Алтынбек Гүлмайрамдын Таласка барып келгенин, барганда да түбөлүк бирөөнүкү болуп келгенин сезген да, билген да жок. Жер алып-сатар планы ишке ашпай, эми кайра эл ташуу менен алек, анын акчасынын кызыгына дагы да тереңдеп баткан. Анан да бир жаман ою бар: айылдагы кайненесинин заңгыраган үйүн жерлери менен сатып, акчасын колго тийгизип, экөөнө Чолпонатадан эки бөлмө алперип, чоң үйдү кийин алабыз деп туруп, бир жакка сызып кетсе, бу эки далдыр таап көрсүн. Жетимиш-сексен миң доллар менен бир чет жерге барып бизнес баштаса, эми эле уланбайбы... Ушундай арам ою бар. Кантсе да жаман катын албаптыр да. Акчага жулунбайт, энесинин колунда бар, күйөөнү теске салып турчу же атасы, же уялаштары жок. Кудай берген экен мага. Ушинтип да ойлоп коет бу шүмшүк.

Бир ирет Гүлмайрам сурабайбы: "Качанга чейин квартирада жүрөбүз, үйдү качан алабыз?" деп. Анда Алтынбек: "Бираз чыда, дагы аз акча кошулса, сонун үй алабыз. Анан апамды колго алып..." дейт. Апасын колго алса, айылдагы үй эмне болот деп ойлоп койгон Гүлмайрам...

***

Талап оокаттуу бүлөдө туулган. Атасы он жылдай башкарма болуп жүрүп, ошол өзү башкарган колхоз тарарга беш-алты жылдай калганда ат-маты менен аскадан учуп өлгөн. Ошол күнү эртең менен туруп, жуунуп, кечээ салынган эттен аялы шашпай берди эле, шашпай жеп, анан конторун көздөй басты. Машинесин эрте келтирчү эмес, дайым жөө барат. Алдынан ичсе да малын жакшы баккан Кулуй деген чабан чыкты. Өзүнөн бир топ кичүү. Салам айтты.

- Ии, мал-жаның аманбы? Качан келдиң?

- Таңзаардан чыккам. Келатканым ушул: сизге зарыл иш менен келдим.

- Эмне иш экен аның?

- Эмне иш болсун, байке. Асанаалы кууратып бүттү. Койун кой-айга келбей менин жайытымды качыра жаят. Бирдеме десем, баса калчудай болот. Ага чак келемби! Ошону бир кой-ай деп койбосоңуз, бир күнү он алты менен басып саламбы деп корком, байке...

- Аялынан коркот дечүле, ошол аялына арызданбайсыңбы, асмандын башынан убара болуп келбей, - деди башкарма оюн-чыны менен.

- Ичкенде ал акмак аялы эмес, кудайдан да коркпойт.

- Кудайдан коркпойт дечи... Анда мени укмак беле, - деп сынай карады башкарма Кулуйга.

- Сизден сийип ийбейби!

- Сийип ийсе барып сийгизип келели. Сен башка жумуштарыңды бүтүрүп, үйүңө барып абышка-кемпир менен амандашып, эки сааттан кийин кел. Бир козуңду жеп келейин. Аямай жокпу?

- Коюңузчу, ушу сизден аясак...

- Болуптур, кечикпей кел.

Башкарма кабинетине кирип эле зоотехникти чакыртты. Ал бат эле жетип келди.

- Чакыртыпсыз, Түгөл байке?

- Кел, отур. Иш кандай?

- Жакшы эле...

- Жакшы болсо, мындай кыл, эки сааттан кийин экөөбүз тиги жалгыз арчадагы чабандарга барабыз. Аттарды камда, дүкөнгө барганды унутпа. Кеңири ал менин эсебимен. Тур, жөнө.

Зоотехник кырктарга чыгып калган шайыр жигит эле чабан кыдырганды жанындай көргөн, сүйүнүп кетти:

- Баары даяр болот!

Ал билет эмне даярдашты. Адегенде атайын активдердин атын бакчу чакан сарайга барып, атбаккычка башкарма менен өзүнүн атын токуп, коктуга жетелеп баруусун буюруп, "Нивасын" дүкөнгө бурду. Арагынан да, таттуу-паттуусунан да, тамекисинен да кеңири алды. Үйүнө келип илгертен атасы урунуп, кийин өзүнө тийген куржундун эки көзүн нык толтуруп, өтүгүн кийип, анан башкарманыкына барып, анын өтүк-чулгоосун алып конторго келди. Арызданган чабан эрте эле келип алып сыртта турган экен. Аны менен амандашып, коктудан күтүүсүн айтып, башкармага кирди:

- Баары даяр болду, - деп өтүгүн берди.

Коктуга чейин машине барат. Айылдан а жерге чейин үч чакырымдай бар. "Нивасын" кайра айдап келгенге ошол жерден бир жигит салып, чоң коктудан аттарга миништи. Чабан болсо кууп жетет. Бул жерден шашпай бастырып, төрт саат чамасында жалгыз арчага жетишет. Аздан соң чабан да кууп жетти. Дагы бир сааттан соң башкарма "ат чалдыралы, өзүбүздү да унутпайлы" деди эле, айттырбай билчү зоотехник аттан түшүп эле куржунга жабышты. Үч стакан, бир арак жана үйдөн сала чыккан бир жилик эт. Эт кесилип, арак үчкө бөлүндү. Ичишти. "Жана бирден" деди башкарма. Жана бирди бөлө тартышты. Башкарма айкөл да, керек болсо өтө каардуу да киши эле. Ошондон улам баары сыйлап да, коркуп да турушчу. Анан кез-кези менен өкүртө ичип койчу да, дегеле катуу мас болчу эмес.

Саат үчтөрдө Кулуйдун боз үйүнө киришти. Анын аялы кымырына-кымтына жандалбастай кыймылдап самоорун коюп, дасторконун жайып, үстүн каймак-майга толтуруп, бат эле чай берди.

- Бар, тигини чакырып кел, - деди башкарма Кулуйга чай ичилген соң, - тез келгиле!

Асанаалы койун жайып жүргөн, Кулуйду алыстан көрүп эле кыйкырды:

- Эй, энеңдурайын билайт, башкарманы эмнеге ээрчитип келдиң, ыя?!

- Энемден айлан, энеңдурайын десе! Эмнеге келгенин барганда көрөсүң. Бастыр, тез келсин дейт.

Асанаалы башкармага акаарат келтирүүгө алсыз, шүмүрөйө түштү. Ушул азыр Кулуйду оодара тартып, көөдөндөн минип кокуйлатып койсо... айла жок.

- Ассалоом-алейкум, байке! - деди Асанаалы боз үйгө баш бага, анан башкармага кол сунду, зоотехникти аттап өтүп. Башкарма алик да албады, колун да кармабады:

- Эй, акмак, сен көпкөнүңдү качан таштайсың, ыя?! - деди.

Тиги башын жерге салды, жообу жок.

- Эй, мен сага сүйлөп жатам!

Тигил үзүлчүдөй үлбүрөдү:

- Экинчи...

- Эмне экинчи?!.

- Экинчи антпейм.

- Энемди алайын де!

- Энемди алайын...

- Тур, тигини кучактап туруп өп!

Асанаалы Кулуйду кучактай өптү.

- Мына, эми чыр бүттү, менин ачуум да тарады, келе колду, амандашалы, - деп башкарма кол берди эле, тиги кош колдоп жиберди.

Арак куюлду. Ичишти. Кулуйдун койчусу килейген козуну моюндап бата сурады да, бат эле алеп-жалеп союп, казанга салды. Аздан соң баары сыртка чыгып, эми дасторкон сыртка салынды. Бу жайлоо дегениң не деген гана керемет! Көз жоосун алып, кереметине канып бүтө албайсың. Бөтөнчө дасторкондо май-чайың жайнап, эт бүлк-бүлк кайнап, стакандар кайра-кайра кагышып... Башкарманын көңүлү бейиште эле, беркилер деле ошол. Этти үйдөн жешти. Анткени, эми чайыттай ачык асманды кайдан-жайдан кара булут каптап, дыбырттап кирди. Аттардын ээри алынып, небак үйдө болчу. Жарым саатча жааган күн кайра ачылды. Ошондо июлдун күнү кыпкызыл болуп батып, түн келаткан.

Башкарма:

- Эртең менен эрте районго кетем, чогулуш болот. Аттарды токугула? - деди.

- Түн да кирип калды, эртең менен эрте аттансаңыздар деле жетишесиздер, - деген Кулуйга көнбөдү: - Токугула!

Жол кыялап отуруп бир чокуга чыгып кайра ылдыйлайт, ал чокунун наркы тарабы жалама зоо. Аттар ошол кыл чокуга келгенде он чакты кадам жолду сак басышат. Бөтөнчө жамгыр жааган учурда. Дал ошол жерге келгенде башкарма абайлай калган атына камчы басты эле, анысы селт эте жолду жаза басып, жар ылдый "күр-р" эле дей түштү. Зоотехник бир эле бакырып, эсин жогото жаздады. Айласы бар беле, аттан түшүп ылдый караган болот, ай жарык болсо да, эч нерсе көрүнбөйт... Эртеси жоонтоп киши келип, наркы кокту менен барып сөөктү атка артып, айылга апкелишти. Ошондо Талаптын атасы 59 жашта эле. Он төрткө эми чыккан Талап жетим калды. Жыл айланбай апасы каза болду. Килейген үйдө акылы тайкы, ичкиликтин артынан түшө баштаган, өзүнөн сегиз жаш улуу агасы, акылы андан кемисе кемиген, алды ашпаган алакөөдөн жеңеси калышты. Талап онунчуну бүткөнчө бул эки акмак атадан калган малдын түбүнө жетишти. Эми үй оокаттан сата башташкан. Талапка эч ким жардам бербеди, атасы атадан жалгыз эле, анан калса жакын туугандан да куру болчу. Атасы тирүү кезинде акелеп-жакелеп үйдөн чыкпай жүрчү активдердин бири да жолобой калган. Онунчуну эми бүткөн сарооз балапан сынындагы бала мындан ары кандай оокат кылуунун айласын таппай турду. Окугусу келет, бирок аякка кайсы акча менен барат? Кимдикине жашайт? Анүстүнө башка заман келип, элдин баары кымгуут, эл байлыгы дегендин талана баштаганына эки жарым жылдай болду. Он төрт жашына чейин эч нерседен кор болбой өскөн неме эми баарына зар болду. Илгеркиче айтканда, өлбөстүн күнү.

Онду бүткөндөн кийин эки жылдай айылда жүрдү: ар кимге чөп чабышат, отун жарышат... Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде айылдын чок ортосундагы чоң дүкөндүн жанынан өтүп баратат эле, андан чыгып келаткан шаардыкча мыкты кийинген, элүүлөрдөн өтүп калган аял Талапты кайра-кайра карап, анан үн катты:

- Балам, токтой турчу...

Бу кимиси болуп кетти деп бүшүркөгөн Талап токтоп, аял жанына келгенде салам айтты:

- Саламатсызбы?

- Саламатчылык, айланайын. Сен Түгөл байкенин уулу эмессиңби?

- Ооба, уулумун... Кичүүсү.

- Айланайын, чоң жигит болгон турбайсыңбы. Келчи бетиңен өөп коеюн.

Талап эңкейе бетин тосту эле, аял эки бетинен эки, анан чекесинен өптү.

- Аман-эсен жүрөсүңбү, агаң жакшыбы?

- Жакшы.

- Мени тааныбайсың да, ээ?

- Жок, тааныбайм.

- Эжең болом, ушул айылдын кызы болом. Атым - Сагын. Кемпирлер да төркүнүнө келгенде ушул айылдын кызы болом деп айтат... Мен Түгөл байкени аябай сыйлачу элем. Каза болгонун жарым жылдан кийин уктум. Куран окутуп кетүүгө шартым болбоду, айланайын, - аял азга жашый түшүп, бет аарчысын алып жашын сүрттү. - Атың ким эле?

- Талап.

- Талап, макул десең мени менен барып үйдөн өз колуман бир чыны чай ичип кетчи, айланайын. Сени көрсөм деп жүрчү элем, көрдүм. Өмүрүңдү берсин.

Талап барбайм деп айталбай, бу жүзү жылуу, бешенесинен мээри төгүлүп турган аял менен катарлаша басты.

Бу Сагын эже ушул айылда жалгыз уулу менен оокаттуу жашачу. Бурулча деген балпайган кемпирдин кызы экен. Анын үйүнө келгенде билди. Кемпир үйүндө экен. Кимдин баласы экенин сурап, анан кагылып-согулуп Талапты өөп, жанынан орун көрсөттү. Жалгыз тегерек үстөлдү Сагын эжеси түр даамга толтуруп, чай берди. Чай ичилип жатканда өзү жөнүндө, агасы жөнүндө сурады Сагын эжеси. Кыраакы киши да, бу бала эптеп эле күн өткөрүп жүргөнүн аңдады. Улуу баласы небак эле алкаш болуп кеткен катыны экөө дегенди келип эле уккан.

- Бир жерден окусаң болмок тура, эми деле кеч эмес, - деди бир маалда Сагын эжеси.

- Окуйт элем, бирок...

Сагын эжеси бироктун артын билет, каражат жок болсо канттим деп жатпайбы...

- Талап, сенин атаң мага аябай жардам берген окуганыма. Анан ишке да орноштурган. Эми менде жетерлик оокат бар. Ошондуктан сени окутууга, керек болсо өз уулумдан артык көрүп багып алууга күчүм жетет, - деди Сагын эже. - Макулсуңбу?

Талап эмне деп айтмак, дароо макул деш да кыйын, жок, окубайм деши андан өтө кыйын.

- Тилимди ал, кагылайын, - деди Сагын эже бу баланын "жок" дешинен чын ниеттен коркуп, - чын дилден айтып жатам, берекем.

Сылык өскөн Талап жакшы сөзгө туруштук бералбай калды:

- Окусам жакшы болот эле... - деди акырын.

- Балакетиңди алайын, баяле ошентпейсиңби... - энеси да кошо алкайт...

***

Сагын эженин Талапты окутам деп жан-алы калбай жатканы бекеринен эмес эле. Онунчуну бүтүп, ошол кезде Фрунзе аталчу борборубузга барып, университетке өтпөй калып, ай өтпөй саанчы болуп иштей баштайт. Өңдүү-түстүү, анан да абдан акылдуу кызга кимдердин гана көзү түшпөдү. Балакатка жетип, үйлөнөм деп камынып калган кермурут жигиттен баштап, небак беш балалуу же андан көп балалуу болгон парторг, зоотехник, бухгалтер, клуб башчысы, биргадир эсепчиси менен... айтор, айылда Сагынга сугу артпаган эркектана калган жок. Эркекте ар барбы, тең келемби дегенди ойлобой, качырат эмеспи...

Кызды кээси айтып ачык сүйдү, кээси айтпай эле туюк сүйдү. Ушак чыгып турду маал-маалы менен: тиги менен соо эмес, жок, тигини менен соо эмес" деген. Нечен жолу энесин кучактап алып ыйлаган күндөр болду. Энеси да саанчы да, кызы менен чогуу иштесе билет да, кызынын кыялын, кылса, кылган жоругун. "Өлүгүн көрөйүн, катындардын оозун ким тыят, айта беришсин, алды өзүң тазасыңбы, кериле басып жүрө бер. Жадаганда өздөрү токтойт" дейт апасы.

Саанчыларга жумасына эки-үч ирет башкарма келет. А кезде сүттүн планын аткарбай койду деген олчойгон күнөө болчу да. Башкарма кээде саанчыларды каарып, кээде жылуу сөзүн аябай айтып кетет. Кандай айтса да, баарына жаккандай болот. Ырасында эл, бүтүндөй саанчылар аны жакшы көрүшчү, кээ бирөөнүн жакшы көргөнү чектен чыкчу... Сүйүү такымдар..

Саанчы болуп эки жыл иштегенден кийин окууга дагы бармай болду. Бу кезде башкармага бу жаш кыз жакшы көрүнчү. Экөөнүн жаш айырмасы он эки жаш. Кыз да бу кишини жакшы көрүп, анын келип чогулуш ачып кетерин күтүп калчу. Экөөнүн бири-бирин жакшы көрөрү эч кимге билинбеди, экөө шек берген жок.

Бир күнү кыз контордо жүрүптүр. Аны көргөн башкарма кабинетине чакырды:

- Мага кирчи.

Аздан соң кыз кирди.

- Кел, келегой. Эмне иш менен келдиң эле?

- Жакында окууга кетем. Эсептешип, эмгек акымды алганы келгем, агай.

- Алдыңбы анан?

- Жок. Кечкежуук кел деди бухгалтер.

- Чакырчы, ошону.

Кыз барып чакырып келди. Башкарма айтты:

- Он мүнөттүн ичинде бу кызымдын эмгек айлыгын эсептеп туруп, кассирден өз колуң менен алпер, уктуңбу?

- Уктум, - деп бухгалтер чыгып кетип, туура он мүнөттө кайра келди да, - жүрү, кассирге, - деди кызга.

Сыртка чыккандан кийин сурады:

- Башкармага арыздандыңбы?

- Жок.

- Анан эмне?..

- Билбейм...

Кассир келин акырайып-чакырайып атып, акчасын санап карматты. Акчаны сумкасына салып, кыз башкармага кайра кирди.

- Ырахмат, агай. Алдым акчаны.

- Жетерлик бекен?

- Билбейм. Санаган жокмун.

- Санап жүр. Ө эмгегиң менен тапкан акчаны санап алып жүр. Уурдасаң го бир жөн, - минткен менен өзү деле акча саначу эмес.

Кыз уялып турду. Башкарма сурады:

- Качан кетесиң?

- Базар күнү.

- Эмесе, мени жакшылап угуп тур, кызым. Ошол базар күнү саат 10до Чолпонатанын автовокзалында мен машине менен ала кетем, макулсуңбу?

- Макул.

- Аны эч ким билбей эле койсун.

- Макул...

Үч күндөн кийин, ошол базар күнү Түгөл машинесин өзү айдап, саат туура 10до Сагынды вокзалдан салып кетти... Ошол күндөн далай жыл - Түгөл зоодон учуп өлгөнчө экөөнүн байланышы үзүлгөн эмес...

Аппак "Волга" Фрунзени көздөй зымырайт. Экөөнүн жүрөгү кошо зымырагандай согот. Быстровкага келгенде экөө бир жерден тамактанышты. Андан чыккандан кийин Түгөл бир дүкөнгө кирип, кымбат деп эсептелген шоколаддан экини алып, кызара уялган Сагынга карматты. Машинеге отургандан кийин арткы орундуктагы кызды бери болчу деп араңдан зорго эңкейген кыздын бетинен эки ирет сүйдү да, машинесин от алдырды. Кыздын бети өрттөнүп баратат. Эч ким өпкөн эмес да, энесинен башка. Атасын болсо билбейт, эки жашында оорудан каза болуптур...

***

- Жатар жериң барбы шаарда?

- Жок. Апамдын эки ата өткөн иниси бар, университетте мугалим экен Үсөн деген, ошону таап ал деген.

- Үйүн билет бекен? Адресин бердиби?

- Жок. Университеттен издесең табасың да деген.

- Фамилиясы ким экен?

- Билбейм. Сураган эмесмин.

- Ошондой болчу беле. Эмесе мындай, мен бир жумадай жүрөм. Сен жанымда жүр, кетээрде бирөөлөрдүкүнө жаткырып кетем. Анан окууңа өтүп алсаң, жатаканага чыгасың. Макулбу?

- Макул.

Фрунзеге келип, Түгөл түз эле мейманканага айдап, машине токтотчу жерине "Волганы" коюп, эки орундуу бир бөлмө алышты. Мындайды көрбөгөн жаш кыз эмне кылардын айласын таппайт... Бирок айласы жок эле көнбөскө. Талаага түнөмөкпү. Мейманканадан бөлмө алып, жатып да көрбөгөн, анын жолун да билбейт...

Кеч киргенде экөө биринчи кабатка түшүп, ресторандан шашпай тамак ичишти. Түгөл эки рюмка арак да ичти. Кызды кыйнаган да, сунуш кылган да жок. Номурда телевизор бар экен, аны көрүштү. Бир маалда "сен жата бер, мен азыр келем" деп Түгөл фойэге туруп он беш мүнөттөн кийин кайра келди. Кыз ары карап жатат. Түгөл да жатты, жарыкты өчүрүп. Кызда жүрөк жок.. Аздан соң Түгөлдүн жай коңуругу угулду...

***

Түгөлдүн борбордо жумушу жок болчу, атайылап эле Сагынды окууга өткөргөнү келген. Анын документтерин өзү айткан университеттин экономикалык факультетине тапшыртып коюп, анан өзүнө небактан тааныш, ушул факультетте көп жылдан бери кафедра башчысы болуп иштеген Муратбек дегендикине келип, берчүсүн берип, экөө бир бөтөлкөнү жара бөлүштү...

Эртең кетем деген күнү Түгөл уруусу бир ушул борбордо жашаган эжелериникине келип, Сагын ушунда жашап туруусун суранды. Бу аял балпалактаган неме экен, инисинин келгенине жан-алы калбай, казан асып жиберип, бешбармакка карк кылды. Кетерде Түгөл эжесин жалгыздатып туруп, толгон акча берди да кыз эртең келе турганын айтты. Эжеси акчаны араңдан-зорго алып, уялып турду.

Түгөл мейманканага келсе, Сагын китеп окуп отурган экен, Түгөлдүн келгенине сүйүнө кеткени өңүнөн көрүнүп турду. Кызды ресторанга алпарып тойгузуп, өзү эки жүздү алып, кайра келишти. Караңгы жаңы эле түшкөн. Эртең эрте турабыз, жаталы деп өзү сыртка чыгып, кыз жаткандан кийин келди да, чечинип жатты. Эжесиникинен аздап алып, анан ресторандан эки жүздү кошуп аздап кызуу чалыш эле, анысы кызды көбүрөөк саматып жиберди да, бир маалда:

- Сагын, кел менин жаныма, - деди акырын.

Сагындан үн чыккан жок.

- Сагын.

- Ии.

- Кел менин жаныма.

Кыз дале үндөбөдү. Ошондо эзилбей, буйтабай, түз качырчу Түгөл ордунан шарт туруп, кызга барды:

- Сагын, ары жатчы...

Кыз төшөгүндө бир силкине жүрөгү түшкөнү менен, нары дубалга жабыша жылды. Түгөл жанына жатып, одеял тартты да, диртилдеп турган кызды сыга кучактады, аздан соң чалкадан салып бети-башын калтырбай өптү. Тээ түн бир кыйла болгончо кызды кычырата кучактап, өпкүлөп, жанын чыгара таштады. Анткен менен кыз абийирин кетирбеди.. Кыз ошого аябай ыраазы болгону менен, анын да кумары келген жан чыдагыстай...

***

Эртеси экөө эрте турушту. Түгөл кызды машинесине салып, эжесиникине алпарып, дагы да табыштап, кызга экзамен болордо дагы келерин айтып, айылга жол тартты...

Экзамен болорго эки күн калганда Түгөл келди, Сагынга айтканы боюнча. Сойдура келген килейген ирикти Сагын жаткан үйгө таштап, берген чайдан чала-була ичип, Сагынды алды да, баягы мейманканадан орун алышты. Адаттагыдай эле ресторанда тамак ичишти. Бу түнү да Түгөл Сагынды сыга кучактап, аны тынымсыз өпкөнү коштоп, анткен менен андан ары өткөн жок. Отуз эки деген жашты кечээ жакында басып өтүп, баралына келип бакыйып турган жигит денеси чыңала бышып, көкүрөктө кош мамак таштай катканы менен дене менен кошо дирт-дирт этип, билинер-билинбес, бирок жигиттин жанын чыгарып жиберчүдөй онтоосу... баары... баары Түгөлдү чектен чыгара алган жок. Азырынча гана, азырынча...

Эртеси Сагындын экзаменге даярданышына тоскоол болбоюн деп Түгөл эрте туруп шаар кыдырып кетти. Анан туптуура саат бирде толгон жашылча-жемиш көтөрүп келип, экөө андан шашпай маектеше жешти. Анан Түгөл кайра кетмей болду эле, Сагын токтотту:

- Агай, мен да сиз менен барайынбы?

Таңгала түшкөн Түгөл:

- А сабагыңчы? - деди.

- Сиз айылга кеткенден бери күнү-түнү окудум, бүгүнкү күнгө чейин. Эми кечке чейин сиз менен жүрүп эс алсам деп ойлогом жана.

- Мейлиң анда. Жүрү.

Түгөл шаар көрөлек кызды кыдыртты: паркка алпарды, эң бир укмуш имараттарды, эстеликтерди көрсөттү. Кечке жуук Түгөл бут талыганын сезип, бир жайкы кафеге олтурушту. Сагынды кызартып менюдан тамак тандатып, экөө шашпай ичишти. Түгөл пивосунан да сокту, Сагын болсо азырынча таттуу суусундуктан башка эч нерсе ичпейт. Түгөл да кыйнабайт. Экөөнүн сүйлөбөгөн сөзү аз. Сөздүн көбү Түгөлдө, Сагын да ойдогусун тартынбай айтканга көнө баштаган. Ага Түгөл ыраазы, бөтөнчө кыздын жароокер, жалооруй караган көзкарашы аны эритип, бар-жогун билгизбегендей абалга жеткизет. Бу не деген көзкараш, эч нерседен кайра тартпаган, өткүр жигитти жок кылып жибере жаздаган бу көзкарашка бошураак, борпоңураак жигит болгондо оңкодон сайылар беле...

Экөөнүн сый мамилеси аз эле убактын ичинде сүйүүгө жетип тынды. Эми эр болушса бири-бирисиз жашап көрсүн. Сүйүүнү оңой ойлошот. Бирок азыр экөө бири-бирине арзып, чогуу турса да кусаланып турганы менен, азапка салып койчу сүйүү келгенин, ал көбүнчө азапка, арманга гана алып келерин элес алышпады. Лайли менен Мажнунду, Фархад менен Ширинди, анан да өзүбүздүн эле Данияр менен Жамийланы эстешкен жок. Бу акыркы экөө го качып тынышты, башкаларычы? Сүйүүнүн туткунунда калгандар укса дайым ый угат, көңүл ачып, шапар тээп ыр укканы аз болот...

Түгөлдүн эки баласы бар, Сагын болсо эч нерсени көрөлек, сан гүлүнүн бир гүлү ачылалек. Анан кантип бир болмок сүйүүнүн туткунунда калган бул экөө. Азырынча муну да ойлоно элек, тиктешет, эркелетишет сөзү жок, дудук сезим менен, жок, дудук сезим кайдан болсун, үн-сөзү жок түшүндүрөт сүйүү деген шүмшүгүң... а балким, кереметиңби?..

***

Эртеси саат 10до Сагын экзаменге кирип кетти. Кайра саатка жетпей чыкты, "беш" алыптыр... Андан соң он күнгө жетпеген күндүн ичинде дагы үч экзамен тапшырып, үчөөнөн тең "төрт" алды. Биринчи экзаменден кийин ишине кеткен Түгөл экзамендер бүтүп, окууга кимдер өтүп, кимдер калды деген күнү келди. Сагындын окууга өтөрүнө ишенген, өзүнүн аракети бар, сезимдүү, анан да сүйлөшүлгөн да, өткөрөм дегени менен. Ошентсе да сарсанаа менен келген неме кыздын студент болгонуна ой-да сүйүнбөдүбү. Баса, экинчи ирет келгенде Сагындын өтүнүчү менен ага мейманканадан бир орундуу номур алперген.

Экөө ресторанда көпкө отурушту. Тамактын мыктысынан жешти. Түгөл өзү арак ичип, Сагынга шампан ичирди, эки бокал. Кыздын башы ошого эле айланды, анын үстүнө сүйүү бар кошумча башайлантма... Экөө Сагындын номуруна келип, анын бир кишилик диван-керебетине кеңири батышты. Арзуунун кыймылдары кетти. Анемесе, эми экөөнү токтотуп көр, уят менен сыйытың... жок, токтоталбайт эле бу түнү... Эртеси Сагын аты кыз бойдон, бирок заты кыз дегенден калып төшөктөн турду. Аттиң деген жок. Жүрөгү мурдагыдай эле Түгөл агайына багыштала согуп турду, мурункудан катуу да, мурункудан кусалуу да...

Ошентип Сагын окуп жүрдү. Түгөл экөө айына бир-эки ирет сөзсүз жолугушат. Небак эле бир бүтүнгө айланышкан... Сагынга эмне деген гана жигиттер жабышпады, бирине көңүл чапкан жок. Түгөл болсо күн өткөн сайын Сагын менен көбүрөөк жолугушкусу келет, бирок түйшүгү түмөн, бир килейген чарбаны башкарыш оңой бекен эмне...

Бир күнү Түгөл борборго келип, Сагынды жатаканасынан алып, бара жүргөн мейманканасына алпарды. Бу жолу Сагын менен бир чоң маселе чечкени келген. Экөө тамактанып номурга келишкенде Сагын Түгөл агайынын көзүнөн кандайдыр бир капалыкты же армандыбы көрдү. Анын мындай көзкарашын көрөлек эле, а балким болсо да элес албагандыр, байкабагандыр.

- Сагынтай, - деди Түгөл бир маалда. - Сен мага арзып тапкан түбөлүк аялымдай эле болуп калдың, чынбы?

- Чын, - деди Сагын эч токтоосуз.

- Андай болсо чогуу жашабайлыбы?

Сагын бир селт эте түшүп, башын жерге салды. Мындай өтө оор суроону угуп көрүппү эмне... Не деп жооп бермек, эки баласын, аялын таштатып, кайсы бети менен жашайт? Антүүгө күчү жетпейт. Бирөөнүн убалына калалбайт. Ушундай ой келди бат эле. Анан айтты, айтары азап сезилсе да.

- Мен түбөлүк сиздикимин агай, бирок... Бирок мен сиз менен жашай албайм.

- Меники болсоң эмнеге жашай албайсың, Сагынтай? Меники болуп туруп эмнеге?..

- Аялыңызды күйөөдөн, балдарыңызды атадан айрылтсам, мен ким болом, агай ошондо?

Ошондо бу кыз ким болорун айталбай, билалбай турду Түгөл.

- Жаным менин, - деди Түгөл кызды капшыра кучактап. - Кереметим менин, сага жетпей бу дүйнөдөн өтүп кетет турбаймынбы. Азап го бул, тозок го бул, ыя, Сагынтайым?..

Кыз үндөбөй кыналат. Эки дене биригип барат, биригип...

- Сен жанымда жок жашоонун мага кереги барбы, ошону айтчы, жаным?

- Сиз каалаган убакта мен ар дайым жаныңыздамын го. Ар дайым ошондой болот, сиз каалап бүткөнчө.

- Мени каалап бүтөт деп ойлойсуңбу?

- Дабир күнү бир супсулуу кызды сүйүп калсаңызчы?..

- Сен турганда кимди сүйөт элем. Менин сүйүүм сени менен бүтөт.

- Аны кайдан билесиз?

- Жүрөгүм айткан, небактан...

Үн катышпай кучакташып, биртоп отургандан кийин төшөккө жатышты, адаттагыдай арзышуу, эзилишүү, жыргашуу..

Жанагы сөз уланды:

- Мени менен жашабасаң, бу жарык дүйнөдөн жалгыз өтөт белең, көңүлүң чапкан жигит табылса баш кошуп ал. Ошондо менин шорум болот. А бирок менин каалоом сени бактысыз кылбашы керек. Өзүң мени айткандай, сен да бир супсулуу керилген жигитти сүйүп каларсың...

- Сиз менен бүтөт менин сүйүүм.

- Аны кайдан билесиң?

- Сиздикиндей эле аны менин жүрөгүм айткан, эчактан...

Дагы да экөө ойго батышты, үндөшпөй. Дагы да жан кыйнашты бирге жашоонун жолун табышпай, түбү жок туңгуюк...

Кыз батынды минтип сүйлөөгө:

- Күйөөгө чыксам да, мен сиздики бойдон калам...

Бул сөз Түгөлдү жинди кыла жаздады. Кызды сыга кучактап өпкүлөдү көп ирет.

- Сөзсүз күйөөгө чыгышың керек, Сагынтай. Бала-чака күтүшүң керек. Ал экөөбүздүн сүйүүбүздөн күчтүү, ыйык. Тукум улоо дегенден улуу нерсе жок дешет го бу жарыкчылыкта.

- Мен күйөөгө чыгып балалуу болсом, сиз мени таштап, келбей калбайсызбы?

- Сен макул десең кезигишип турам да.

- Түбөлүк макулмун дедим го...

- Эгер күйөөң билип калсачы?

- Билсе башынан баштап баарын жашырбай айтып берем. Жашасаң мен мына, жашабасаң кетчү жолуң тигине дейм.

Дагы бирсаам унчугушпай жаткандан кийин кыз дагы минтти:

- Агай, сизден бир эркек, бир кыздуу болуп жашай берсемчи. Баарынан улук - тукум улоо дебедиңизби?

- Жок, сен сөзсүз бирөө менен турмуш курушуң керек. Бул менин каалоом гана эмес, талабым дагы, уктуңбу?

- Уктум... - Кыз Түгөлгө дагы да жабыша кыналып өөп турду...

***

Айтса-айтпаса төгүнбү, жашыруун сырдын элге кандай да болбосун жетиши боюнча кыргыз деген биринчи орунда турат. Эч нерсе жашырылбайт биздин элде. "Ай, беркелчи, эч кимге оозуңан чыгара көрбө" деп башталат жашыруун сөз, ана эмесе, кирген суудай кетти дей бер. "Оозуңан чыгарба" деген, "бүт баарына жарыя кыл" деген менен барабар...

Түгөлдүн Сагын менен байланышы жарым жылга жетпей айылга бүт угулуп, районго чейин жетип барды.

Бир күнү райком чакыртты Түгөлдү. Мурунку күнү эле чогулуш болуп кезикпеди беле, эмне балээ болуп кетти деп Түгөл көп болбосо да аз санаа менен келди. Райкомго кирип учурашып, көрсөткөн орунга отургандан кийин райком бир барак сунду:

- Ме, окучу.

Түгөл окуду, окуп баратып кызарып кетти. Бул ээси жазылбаган катта Түгөлдүн колхозду жеп жатканын, баарынан жаманы - бир бузулган кыз менен жүрүп алганын, тезинен чара көрүш керектигин, партиядан чыгарыш керектигин жазыптыр. Түгөл окуп бүтүп шалдайып отуруп калды.

- Окуп бүттүңбү?

- Ооба.

- Чын жазыппы?

- Чын.

- Баары чынбы?

- Жок. Кыз жөнүндөгүсү гана.

- Ошол жакшы кеппи анан?

- Мен үчүн жакшы...

Райком бул жигитти жакшы көрчү. Эмне деп акыл айтарды билбей туруп, анан минтти:

- Байкаш керек, андай иште. - Бир кезде өзү сүйүп жетпей калып, эмдигиче эстей жүрчү аялды көз алдына келтирди. - Бар, иштей бер, байкап жүр, мага да залалың тийиши мүмкүн. Аны да ойлон. Алдагы катты болсо өзүң тытып кой, алакетип.

Түгөл атасындай көргөн райкомго ыраазы боло коштошуп сыртка чыкты. Айылга чейин мээсин шишите ойлонду, каттын ээси ким болду экен деп. Беш-алты кишиден шектенип, алардын кимиси экенин даана биле албады.

***

Ошондон бир айча мурун Түгөлдүн Сагын менен байланышын анын аялы Бүбүсара менен Сагындын энеси Бурулча бир күндө угушту. Экөө эки үйдө жинди болушту. Экөө экөөнү жектеп турушту...

Колхоздо эсепчи болуп иштеген Жолдошбай деген бар эле. Бу киши бир кезде районго чейин кызматка жетип, анан төмөндөп, колхозго башкарма болуп, андан эки-үч кызмат ылдый иштеп, акыры эң кичине кызмат эсептелген эсепчи болуп токтогон. Ичитар, көралбас, жеп-ичкенге эки көзү төрт, ушакты жаман катындан жакшы айткан неме эле. Бир инкубатордон чыккансып, анын аялы да күйөөсүнүн өзү. Ушагы менен ойсокелиги биринен-бири жол талашат. Атың өчкүрдүн аты - Алтынгүл. Карачы эй, "алтын" дагы, "гүл" дагы. Мына ошол Алтынгүл Бүбүсарага көп келчү. Ал жактырбаса да тигини-муну жамандап, жагынып келе берчү. Башкарманын аялы менен жакын болуш укмуш эмей... Ошол аял кайдандыр Түгөл менен Сагындын байланышын уккан. Анан Бүбүсарага өз киши болгонсуп, кошо күйүшөрү сыяктанып, бир күнү келип айтып атпайбы. Ал сырды уккан Бүбүсара дал болду, ушуну айткан бу аял албарсты болуп көрүндү. Өңү кубарып, көзү тумандап кетти. Алтынгүл анын кебетесинен коркуп, кеткенче шашты. Андан түз эле барып Бурулчага да айтты "жантарта, жакынсынта". Бурулча жинди болду... Анткен менен "экинчи жолобо" деп Алтынгүлдү үйүнөн кууп чыкканга акылы жетти...

Бүбүсара Алтынгүл кетери менен муун-жүүнү бошой, эптеп диванга жетип кулады. Анан мындайда даяр болчу көз жашы келди, ыйлады. Жанагы мастандын чыгарган ушак сөзү болуп жүрбөсүн деп үмүттөндү. Бул аял аябай токтоо, эч кимге зыяны жок, ашкере ак көңүл адам эле. Эч качан оозунан жаман сөз чыкчу эмес. Эми анын башына кайгы келди, бир күнгө да, бир жылга да эмес, түбөлүк келди. Күйөөсү менен Сагындын байланышына көзү жеткенден кийин да күйөөсүнө бирооз жаман сөз айтпады, ичтен сызды, ичтен тынды... Кийин улуу баласы жетинчи окуп жатып, капыстан суук тийгизип, бат эле өлүп тынганда күйөөсүнүн кайгысы уулунун кайгысына өтүп кетти. Кийин-кийин Талап төрөлүп, ошол наристеси көңүлүн көтөрдү, баарына кол шилтеп, ошого берилип кетти...

Түгөл болсо Сагындан өлөр-өлгөнчө кол үзгөн жок. Сагын небак окуусун бүтүп, иштеп, анан отуздан өтөйүн дегенде барып бир майболпоч немеге күйөөгө чыкты. Аны биринчи аялы таштап, башка күйөөгө тийип кетиптир. Сагындын бул күйөөсү "Сагынтай" деп эркелетип, анын эмне кылып жүргөнү менен ныпым иши жок жүрө берет. Экөө үч уул, бир кыздуу болушту.

***

Сагын Түгөлдүн аскадан учуп каза болгонун уккандан кийин кандай гана боздоду дейсиң! Кудайга үнү жеткендей болду го. Бүлөсүнөн жашырымыш эткен менен, алар билди чоң кайгыны, "эмне болду?" дешти, "жөн эле" деди Сагын. Кийин улуу уулунун машинесин айдатып алып, Түгөлдүн мүрзөсүнө барып да келди, ошондо деми сууду. Түгөлдүн эстелигинин жанында көздөн жаш алып турганда уулу сурады, эки баланын атасы, жашы жыйырма үчтө:

- Апа, бул ким эле?

- Жакшы адам эле, башкарма. Мени окуткан ушул киши.

- Атадай киши го, э?

- Ооба, атаңдай киши болчу, - деди Сагын. Анан ичинен ойлоп койду, "бу киши атаңдай болсо ушул жерге келет белем, балам. Бул киши деген мен үчүн жалгыз адам эле. Бу жарык дүйнөдө"...

***

Мына эми өмүр бою өзүн арнап койгон адамынын кичүү уулун кезиктирип отурат. Бул мээрими төгүлгөн аялды Талап дароо жактырды. Эмнегедир апасына окшоштуруп жиберип, бир муңайып алды.

Ошентип, экөө кезигишкенден бир жумадан кийин эне-бала өңдөнө ээрчишип борборго келишти. Талап шаарды билбейт. Армияга баратканда, анан келатканда чет-бучкагын гана көргөн. Эми даана көрдү биртоп жерин. Анткени Сагын эжесинин үйүнө жетиш үчүн автовокзалдан чыгып, шаардын борбордук бөлүгүн бүт айланып өтүш керек экен. Эженин үйү шаардын түштүк тарабындагы парктын четиндеги жайгашкан заңгыраган үй экен. Короого кирип эле Талаптын көзү жайнады: ичи толтура кызыл-тазыл, түркүн гүл, короо мизилдейт, кээ бир үйдүн ичи да мынча таза болбос... Үйгө бутту чечип киргенде эле бут уялгандай - жерге салынган килемдер, кире бериштен баштап чоң бөлмөнүн ичине чейин сонун жыгач-таш. Дарбаза ачкан 18-19дардагы кыз кайра-кайра апасын өпкүлөп жатат, анан Талапты бир-эки ирет карап койду, көзү тойбоду анын жупуну кийимине. Талап төркү үйдөгү дивандан орун алып, Сагын кызы экөө ашканага чыкканда кызы сурады:

- Мама, тиги "деревняны" кайдан таап алдың?

- Кой, антип айтпа, каралдым. Ал бир мыкты кишинин баласы.

- Мыкты кишинин баласы болсо, шикарно кийинтип койбойбу?..

- Бу бала жаш кезинде ал киши каза болуп калган, анан бат эле энеси өлгөн. Тоголок жетим калган. Жалгыз агасы алкаш болуп, ата-энеден калган мал-салды, эмерегине чейин сатып ичсе, бу байкуш эмне кылмак эле. Же айылда дурус иш жок болсо. Бу баланын атасы менин окуума чоң жардам берген. Аябай сонун киши болчу, ыраматылык... - деп Сагын муңая калды эле, кызы түз эле айтты:

- Мама, сиз а кишини сүйчү белеңиз?

Сагын эже селт этти, бирок айтты:

- Жакшы көрчүмүн...

Кызы эми ички үйдө отурган жигитке боору ооруп турду:

- Апа, жакшы кийимдерди сатып бербейсизби?

- Мен да ошону ойлоп келдим.

- Сиз аябай сонун кишисиз, э мама, - деп кызы энесин кучактап өөп-өөп алды.

- Болду эми, кантет...

Бат эле ички үйдөгү узун үстөл тамак-ашка толуп, эми чай куюларда локуйган бир киши кирди, үй ээси экен. Талап тура калып салам берип, туруп калды эле, тиги киши:

- Отур, отурагой, - деп өзү да отурду.

Адатта, үйгө чоочун бирөө келсе сурайт го "кимсиң, кайдансың" деп, а бу киши сурабады. Чай ичилип жатканда Сагын баштады кепти:

- Саке, бу жигит биздин айылдан болот.

- Ии, - деди Сакеси, анан эми эстегенсип, - энемдер, жалпы туугандар аман-эсен жатышыптырбы? - деп койду.

- Аман турушуптур.

- А-а, жакшы...

Тиги киши эки чыны чайдан кийин:

- Силер шашпай ичкиле, мен бир аз эс алайын, - деп башка бөлмөгө шашпай кирип кетти.

- Жездең болот, - деди Сагын Талапка, - жакшы жездең болот, - деп кошумчалап койду. - Андан эч тартынба.

Бир аздан кийин Сагын эженин кичүү уулу келди, кыздан улуу. Берки эки уулу өзүнчө түтүн булатып кетишкен экен, аларды Талап кийинчерээк көрдү. Жибектей созулган немелер экен, "мамалап", "папалап" турушат экен ата-энесинин кирпиги менен тең айланып... Бу келген кичүү баласы Талапка ийиле салам берип, маңдайына отурду. Мамасы бу мейман таякелеринен болорун айтып, тааныштырды. Улуу туруп дагы да колун берди "Кубат" деп атын айтып...

Эртеси Кубат "Аудисин" айдап, мамасын, карындашын салып, анан Талапты салып чоң базарга келишти. Машинени бир жерге токтотуп төртөө базар кыдырышты. Талапка үчөөлөп тандашып, көз жоосун алган кийимдерди толтура алперишти. Талаптын уялганын айтпа, же "кереги жок" деп айтканга даабайт, жерге кире жаздай уялат. "Кийин иштеп акча тапсам, баарынан кутулам" дейт ичинде. Ырас эле, тээ кийин эжеси менен карындашына бир жарым миң доллардан белек кылганы бар... А азырынча булардан уялып турду...

***

Талапта окуюн деген ой жок болчу. Бир ирет Сагын эжеси экөө ушул жөнүндө сүйлөшкөндө Талап ачык эле айткан: "Окууга деле көңүлүм жок, эже. Андан көрө бир ылайыктуу иш болсо иштейт элем". "Мейлиң, балам, - деген ошондо эжеси, - көңүлүң каалаганды жаса, биз иш караштырып көрөлү".

Ошондон бир жума чамасы өткөндө Талапты бир заправкага орноштурушту. Бир айча көнүгүп, окуучу болгондон кийин өз алдынча май куят, өзүнүн жанында жардамчысын, сыртта май куюп акча алган төрт кызды, анан да бу заправканы кайтарган эки жигитке чоң. Бул жайдын ээси - Сагын эженин улуу уулунун жакшы таанышы экен, аты - Алик. Анысы өз атыбы, же Асанбай менен Алкожодон чыккан атпы, айтор, баары Алик дешет. Өзү курч, аны менен бирге адилет, акдил жигит. Аз өтпөй, жарым жылдабы, ошол Алик кожоюн Талапты өз инисиндей көрүп калды. Ошол жарым жылдан кийин Талапты Казакстандан бензин, солярка ташыган машинелерге көзөмөл кылып кайтарчу жигиттерге кошту. Айлык акысы туура беш эсеге көбөйдү. Ошондо Сагын эжесинин кой дегенине карабай, өзү менен чогуу иштеген бир жигит менен квартирага чыгып кетти. Ата-энеси барда баары дайын болуп, акча кармачу эмес, алар өлгөндөн кийин жогунан кармаган жок. Эми тутам-тутам акчанын айласын таппай, анан Сагын эжесине каттыра баштады. "Мынчасын сиз алыңыз, калганын катып коюңуз" деген адегенде. Ошондо эжеси айткан: "Балам, мага акча берем дегениңди кой, бизде Кудай буюрса, баары бар, оокаттан кем-карчыбыз жок. Өзүңө катып берейин мындан ары. Үй-жай күтөсүң, бала-чакалуу болосуң, ошого топтош керек каражатты" деген.

Бул жерде иштегенине экинчи жыл айланганда Талап бензовоздорду коштоп жүрүүчүлөрдүн жетекчиси болуп калды. Ага момундай бир окуя себепкер болгон...

Бир ирет үч бензовоз, үчөө тең килейген КамАЗдар, бензинди баса куюп Бишкекти көздөй жолго чыкты Казакстандан. Баратканда да, келатканда да сөзсүз түрдө күндүзү жол жүрүшөт, бул - катуу тартип. Ошол күнү сүйлөшүп алгансып, эки машиненин дөңгөлөгү удаа жарылып, үчүнчү машиненин моторунун бир жери бузулуп, айтор, баарынын убарасы эки сааттан өтүп, кыргыз чегарасына аз калганда үрүл-бүрүл болуп калган. Аңгыча эле эки жеңил машине жолдо туурасынан токтой калып, Талаптарды токтотушту. Талап чоңу менен алдыңкы машинеде эле. Машинелер токтогондон кийин тигил жеңил машинеден түшкөн үч жигит түз эле Талаптарды көздөй басып, ачылган эки эшиктен экөө тапанча сунушту:

- Түшүңдер.

Айла жок, шоопур болуп үчөө жерге түштү. Талаптар турган машиненин жөлөнгүчүнүн артында уруксаты бар эки мылтык бар эле, аны алууга да үлгүрүшкөн жок. Жанагы үч казактын бири Талаптарды кайтарып калып, экөө арткы машинелерди көздөй басышты. Дал ошондо бир нерсеге алаксый калган жалгыз казакты Талап дал табарсыкка тээп жыкты да, машинеге секирип кирип жөлөнгүчтү көтөрө берип, эки мылтыкты алып, кайра ыргыды. Шоопур эле калыптыр, бир мылтыкты ага берип, чоңун сураса ал талааны көздөй сызып кетиптир. Экөө жанагы экөөнүн артына аткылап калды, бататар мылтыктар жөнеле чакчелекей кылып жиберди жер жаңыртып, эки казак кайрылып ок чыгарууга жарабай, талаалай качты. Эми Талаптар казактардын машинесин көздөй тарсылдатышты. Машинелер сызды дайынсыз...

Үч машине туура бир саат чоңун күтүштү, үн салышты, дайыны жок. Ошондо гана кете беришти... Эртеси түшкө маал келди чоң сөрөй, анан дароо кайткыс айдалып, анын ордуна Талап шайланды, мааниси чоң да - айлыгы да арбыды...

Үчүнчү жылы Талап шаардын борбор тарабы деп эсептелген райондон эки бөлмө квартира сатып алды. Ошондо Сагын эжесинин сүйүнгөнүн айт. Балдарына балканактай кой алдырып сойдуруп, эзилте бышырып, бүт бүлөсү менен Талаптын үйүн куттуктап барышты. Бул ырыстуу бүлөгө жетиналбаган Талап колдон келишинче сыйлап, көнбөгөн жайына койбой ар бирине бирден белек берди...

***

Ошол бензин, солярка менен байланышкан үч жыл ичинде Талап көп нерсени көрдү, урушуп-мушташууга туура келди. Рэкеттердин таягын жеп, жыга чапса өжөрлөнө кайра туруп, биртопторун чочутуп да койду. Эми ал бул фирманын жалпы коопсуздук кызматынын чоңу болуп иштей баштады, айттырбай билесиңер да, акчасы көбөйдү. Эми анын атын биртоп бизнесмендер, рэкеттер жана рэкетчалыштар, майда-барат хулигандар билет. Бир жылдан бери акча төлөп бир жакшы машыктыруучудан сабак алат, эрежеси жок карандай мушташтан, жумасына үч жолу. Олбурлуу неме эми оңой менен алдырбайт үч-төртөөнө...

Бир күнү, бак-дарак жаңыдан бүчүр байлап жаткан жаз айлары эле, офисте отурса эшик тоскон жигит келди "сени сыртта бирөө чакырып жатат" деп. Бул ким болуп кетти деп дароо чыкты. Узун бойлуу, тизесинен келген терикүрмө кийген жигит сылык учурашып туруп айтты:

- Сизди тиги машинеде бир байке чакырып жатат.

- Ал эмне болгон байке? - деп Талап бу жигит көрсөткөн жолдун наркы четиндеги терезелери караңгылатылган "Жип" жакты карады.

- Барсаңыз тааныйсыз.

Талап аздап чочулаганы менен намысы алдыга чыгып, жигитти баштай басып, түз эле машиненин арткы эшигин ачып сурады:

- Мен кимге керекмин?

- Мага, - деди артта отурган бир олбурлуу, өзүнөн биртоп улуу жигит. - Кел, отур.

Талап анын жанына отургандан кийин тиги айтты:

- Мени тааныбайт белең, атым - Сарөзөн Чүйский болот.

- Тааныйм, - деди Талап, анан сөзүн оңдоп койду, - угуп жүрөм, байке.

Бу "Сарөзөн Чүйский" деген кличкалуу жигит өлкөнүн кримдүйнөсүндөгүлөрдүн акыркыларынан эмес болчу. Атагы алыста эле. Анын атын укканда бизнесмендерби же башкасыбы, бир селт этип алышы бар эле... "Буга эмнеге керек болуп калдым экен" деп ойлоп жиберди Талап.

Тигил айтты түз эле:

- Мени менен иштегенге кандайсың?

- Эмне иш?

- Адегенде макулсуңбу-жоксуңбу ошону айт, анан сура эмне иш экенин.

- Закондуу иш болсо макулмун, - деди Талап.

Тиги күлдү:

- Законсуз да иш жасамак белек. Менин жигиттеримдин катарында болууга кандайсың?

- Ойлонуп көрсөм болобу?

- Ойлонгудай эмне депутаттыкка көрсөтүлүп жаттың беле... Макул же жок де.

- Макул. - Талаптын минтпеске чарасы жок эле. "Жок" деген сөз менен кошо жоголуп кетишиң бар.

- Мен да ушул жоопту күттүм эле, келе колуңду, мындан ары сен менин жигитимсиң, - деп Талаптын колун бекем кысты.

Ошол эле күнү Талап Аликти аябай капага салып, ишинен бошонуп кетти. Аликтин капа болгонун айтпа, биринчиден, биртууганындай көрүп калган. Анан да мыкты, тайманбас, ишенимдүү жигит эмес беле...

- Эмне, айлыкты аз дедиңби? - деди Алик. - Аз десең канча кааласаң ошончо кошуп берейин.

- Жок, кеп анда эмес, Алик байке...

- Анан эмнеде?

- Азыр айталбайм, кийин өзүңүз угаарсыз... Сизге болсо өмүр өткөнчө ыраазымын, чын сөзүм.

- Мейлиң эми... - деп Алик Талапты кучагына алып коштошту.

***

Сарөзөн Чүйский ар дайым мыкты жигиттер менен өз "армиясын" толуктап турчу. Андай жигиттерди далайга сыртынан сынатып, анан өзү байкап, аябай бышыктап туруп гана алчу. Бу Талап деген жигиттин кабарын бир кафеде өзүнүн үч жигити менен болгон катуу мушташтан кийин уккан. Ошондо Талап кафеге кечки тамакка кирген. Бир жерден орун алып, тамакка заказ берди. Залда киши биртоп эле. Маңдайлаш үстөлдө үч жигит бакылдашып ичип-жеп отурушат. Бир маалда Талап менен алардын биринин көздөрү чагылыша түштү эле, тиги кыйкырды:

- Эй, эмне эсиң ооп тиктейсиң? Беркелсең... - деп сөөмөй менен чакырды.

- Убактым жок, иничек, - деди Талап эч шашпай.

Тиги жарылып кете жаздады:

- Эй, энеңди... сука! Мен сага иничек бекем, ыя?! - деп туруп келип Талапты түз эле көк желкеге бир салды. - Ме сага, иничек!

Талап ордунан атып турду да, муш берип ыраазы болуп турган немени ичке бир уруп, табарсыкка келиштире тээп алды. Тиги бир эле "аа" деп бакырып, оңкодон түштү. Тиги эки досу жардамга чуркады. Алардын бирин урганча, экинчиси Талапты ичке тепти. Талап кулады. Экөөлөп тепкилеп калышты. Ошол учурда Кудай жалгап, үч милийса кирип келип, тепкини токтотушту. Болбосо, Талаптын тирүү калышы күмөн эле. Милийсалар төртөөнү машинеге тыгып, милийсаканага алпарып камерага тыгып таштады. Ал жерде киши батпайт. Аздан соң төртөөнү чыгарып суракка алган өңдөнүп, тиги үчөөнү чыгарып жиберишти. Көрсө, сотовыйы менен бири Сарөзөн Чүйскийге чалып койгон тура. Таяк жеген Талап эртеси чыкты. Түндөгү үчөө Талаптын ким экенин, кайда иштерин суракта угушкан, алардан Чүйский уккан да, көңүлгө түйүп койгон...

***

Ошентип, Талап Чүйскийдин жигиттеринин катарына катталды. Эми бул жерден тескери басып кетүү деген болбойт. Тагдыры бир Кудайдын, бир Чүйскийдин колунда.

Чүйский демекчи, ал жөнүндө дагы бир-эки ооз сөз. Кличкасы айтып тургандай, ал - Чүйдүн кулуну. Борбордо туулуп-өскөн. Шаардык чалакыргыз эмес, накта кыргыз. Кыргыз тилин да, элинин толгон-токой салттарын да мыкты билет. Атасы тарыхчы, илимдин кандидаты болгон. Кыргызчылыкка мына ошол киши үйрөткөн. Ал Чүйский 19га чыгып, университеттин юридикалык факультетинин экинчи курсунда окуп жатканда каза болду. Рак дешти. Атасы ошондо туура 50дө эле. "Жаман бала бир атасы өлгөндө көбөт, бир аял алганда көбөт" деп коет го, Чүйский жаман деле бала эмес эле... бирок атасы өлгөндөн кийин ой-да көптү. Жалгыз бала, үч кыздын ортосунда. Апасы эч нерсе кылбайт, кылалбайт. Ошол атасы өлгөндөн бир жылча өткөндө, жаңы эле ашын беришкен, Чүйский бир баланын жаагын сындыра коюп, окуудан гана айдалбастан, үч жылга кесилип да кетти. Эки тилде тең тың сүйлөп, баскан-турганы дагы тың, калп айтпай түз жүргөн, анан калса тайманбаган бу бала түрмөдө бат эле авторитеттердин катарында жүрүүгө укук алды. Туура үч жыл отургандан кийин чыгып келип, өзү курдуу классташ, тааныштарынан топ түздү. Акча өндүрүүгө өтүштү. Жанагы рэкет дегендердин алгачкыларынан эле.

Бир күнү бир килейген кафенин ээсине эки жигитин жиберет, өндүрүп келгиле деп. Кафе ээси өзү да рэкетчалыш неме болчу. Көпкөн үч баласы бар, алды 25те, арты 20да. Ошо төртөөлөп "мына сага акча" деп Чүйскийдин эки жигитин көкчелек кылып тепкилеп көчөгө сүйрөп салат, "анаңды, ит кыргыз!" дешип.

Ал эки шордуу эптеп туруп, Чүйскийге келишет. Анын жинденгенин айтпа, дароо алты жигитин алып, өзү менен жетөө болуп арматура, таяк менен куралданып, кафеге барып таш-талканын чыгарышат. Кафенин ээсин, үч баласын өлөрчө тепкилешет. Төртөөнүн тең кабыргалары сынып, бети-башынан тамтык калбайт. "Тез жардам" апкетет түз эле реанимацияга... Ишти милийса колго алат, төрт өзбек биринин артынан бири айыгып чыгат. Милийса дурус иштеп, Чүйскийди кармайт, калган алтоо да колго түшөт. Жетөө соттолот, алды жети жыл (Чүйский баш болгон) , калгандары беш жылдан алат. Чүйский баягы мурда жаткан жерине жатат. Жегени эт, чучук, ичкени арактын түрү, кааласа коньяк. Эркиндикте калган жигиттери эч нерседен кем кылышпайт. Жакшы жүрүш-турушу үчүн деп, анан да акча ортого түшүп, түрмөдөн беш жылда бошоп, ошол жерден Сарөзөн Чүйский деген атты алып келет...

Эми көрүп ал: эки ирет түрмөдө отуруп, отурганда да жакшы отуруп, аты кримдүйнөнү аралай чаап, ал дүйнөнүн өз адамы катары каралып, "мен" деген авторитеттер аздап эсептеше баштап, айтор, Чүйскийдин зоболосу күндөн-күнгө артты. Эми эки жигити барып баягыдай таяк жеп келбейт, бирооз эле "Чүйскийден" десе болду, айткан талап аткарылат...

Ошол Чүйский экинчи ирет бошоп келгенде баягы Союз дегениңдин быт-чыты чыгып, анын ичинде кыргызыңдын да ишпалдасы чыгып, алдуусу алсызын, акылдуусу акмагын, тыңы жүдөөсүн тирилей жеп жаткан. Чүйский убагында гана чыккан экен, ошол чыккандан кийин эки-үч жылдын ичинде бир эмес, он өмүргө жете турган дүнүйөнү топтоп салды. Май куйган жайлары менен акча алмаштыруучу жайлары, төрт-беш кафеси, бала бакчадан мейманканага айланган үч жайы, тамак-аш сатчу килейген эки дүкөнү бар. Булар көрүнөөсү, билингени, ал эми көмүскөсү канча дейсиң, эч ким билбейт. Бул бир жыргал, экинчи жыргал - милийса, прокуратура, соттордогу керектүү адамдар анын колунда. Акча менен, жалаң доллар деген өтө касиеттүү да, коркунучтуу да акча менен тигилерди чырмап байлап салган, матап салган. Бири кың дебейт, кың дегенин акча менен "талпайта чабат". Талпагы ташка жайылат. Аялы да кеңири: борбордо эки аялы, алардан беш баласы, Көлдө - Балыкчыда бир аялы эки баласы менен. Ал эми кээде көңүлү чаап койгон кыз-келиндерди кайсы жинди эсептемек, эсепсиз эмеспи... Мингени белгилүү да, кааласа "Жип", кааласа "Мерседес", Ауди" же башкасы болуп, жети-сегизи бар андай машинелердин.

Талап дароо эле Чүйскийдин жакын жигиттеринен болуп кеталган жок. Анүчүн далай сыноолордон өтүшү керек. Азыр болсо ал Чүйскийдин борбордон ончакты чакырым тоо тараптагы эңгезердей эки кабат дачасын кайтарган беш жигиттин катарында. Суткалап эки-экиден кезметтешет. Келгенине он беш күн болгондо Чүйскийдин жеке бухгалтери өзү келип, Талапка айлык берди доллар менен. Мурунку ишине караганда кемирээк экен. Бирок Талап аны элес алган жок, кезеги келгенде андай акчаны бу жерде тутамдаарын ачкөз болбосо да ойлоп койду.

Бир күнү Чүйский жыйырмадан ашык жигитин алып (алардын арасында сменден бош Талап да бар эле), шаардын батыш тарабын көздөй беш машине менен жөнөштү. Талап билбейт кайда, эмнеге баратышканын. Себеби мындай эле: шаарда менменсинген биртоп кримавторитеттердин бири, кийинки күндөрү оголе көөп, эч ким көзүнө көрүнбөй, бүт өлкөнү жалгыз бийлечүдөй болуп бараткан эркин күрөш боюнча өлкөнүн эки-үч жолку чемпиону бар эле, мына ошол менен кимиси ким экенин аныктоо үчүн бараткан Чүйский. Экөө бирөөлөр аркылуу мурдагүнү макулдашышкан. Кезигүү шаардан он чакырым алыс талаада болот, бир жагында калың алма, өрүк багы өскөн, экинчи жагы чоң суу, экөөнүн ортосу ошол талаа. Болжогон жерге жетип, машинеден жаңы эле түшө баштаганда дал маңдайкы бактын ичинен автоматтардын тытыраган үнү чыгып, ок жаап кирди. Талап жаңы эле машинеден түшкөн. Алдыңкы машинеден түшүп, ийинин кармай жыгылган Чүйскийди көрүп, ага бир секирип жетти да, жата калып сүйрөп, машиненин далдаасына алып барды. Чүйскийдин жансакчылары өздөрүнүн жанын алакачып, небак далдаалана калышыптыр.

Аздан соң Чүйскийдин жигиттери эстерине келип, автомат, тапанчалары ишке кирди эле, каршы тараптан ок атуу токтоду. Ошондо берки тарап өтө сак боло бак аралашты. Небак жөнөй беришиптир. Бактын нары жагында узап бараткан эки кара "Жипти" гана көрүп калышты... Оңдой берди болуп, Чүйскийдин эки жигити, анан өзү гана жеңил жарат алышкан экен. Ооруканага жатпай эле таңдырып кайтышты.

Ошол окуя болгондун эртеси эле Чүйский өзүнүн төрт жансакчысын кууп жиберди. Атышууда өзүн таштай качкандары үчүн. Алардын ордуна башка жигиттеринен төртөөнү алып, үч-төрт саат бою алардын милдетин үйрөттү. Төртөөнүн ичинде Талап да бар эле...

Улам убакыт өткөн сайын Чүйский Талапты жакшы көрүп, ага өзүнө ишенгендей ишене баштады. Бүтүндөй жигиттери да Талапты сыйлаганга өтүштү. Шефинин да, анын жигиттеринин да сыйына Талап кара күчү, булчуңу менен эмес, тунук акылы, токтоолугу, анан да тайманбастыгынын аркасында татыды. Анан калса жүрөгүндө карасы жок жан эле да...

Күндөрдүн бир күнүндө Чүйский дачасына жумурткадай тоголонгон тай сойдуруп, ар түрдүү иштен бош элүүдөй жигитин топтоп, чоң тамак берди. Калган элүүдөн ашык жигити ар кай жердеги дүкөндөрдө, заправкаларда, офисинде, дагы жашыруун иштерде эле. Мына ошол тоодой эт, көлдөй чык менен ичимдик, башка да сан түр тамагы бар дасторкон үстүндө Чүйский сөз сүйлөп, Талапты мактады да, бүтүндөй жигиттеринин баштыгына шайлады. Жигиттеринин биртобу Талапты чын дилден куттукташты. Адамдын баары бирдей эмес, алардын аласы менен чаласы болот - кээ биринин ичи күйүп турду. Жамандык менен жакшылыкты бирдей көтөрө билген Талап ушул жерде мурдун дардайткан жок, тескерисинче, өтө уялып турду, бул орунга өзү жутунуп жеткенсип... Ошондон баштап Талаптын кадыры огобетер өстү, жек көргөндөрдүн жек көрүүсү кошо өстү. Кызыгы, өзү аябай ишенген жигити бир күнү сатып кетчүдөй болуп, тээ көңүлүнүн тереңинде Чүйский аздап болсо да чочугансыйт. Бирок, кайра ишенгени жеңип кетет. Талаптын кабары башка топторго да дайын болду. Кээ бир кримтоптордун анабашылары ушундай ишенимдүү жигиттерим болсо деп көңүлдөнүшчү...

***

Талап Чүйскийге беш жылдан ашык таза кызмат өтөдү. Ошол жылдарда атышып да, мушташып да көрдү. Жүз миң доллар берем, мага кел деген бирөөнө да барган жок. Мени ушинтип чакырып жатат деп Чүйскийге да айтпады. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде Талап Чүйский менен жалгыздап сүйлөштү:

- Байке, бир-эки айдан бери сизге бир өтүнүчүмдү айталбай жүрөм. Анан бүгүн айтайын дедим.

- Айталбай жүргөн ал эмне сөз экен. Айт, тартынба.

- Сиздин кызматыңызды кылганыма беш жылдан ашты. Эми өзүмчө оокат кылсамбы дедим эле...

Чүйский мындай сөздү эч күткөн эмес, көкүрөгүндө бир селт этип алды. Бу жигиттин тоотпой калганыбы, көпкөнүбү?

- Менден жаманчылык көрдүңбү? - деди Чүйский кабагын чытып, - кай мамилем жакпай калды сага?

- Жок, байке. Сизге чоң ыраазымын. Агамдай эле көрөм.

- Агаңдай көрсөң эмнеге кетем дейсиң?

- Өзүмчө... тынч... - Талап андан ары сөзүн уланталбай турду.

- Эмне, өзүңчө топ түзөйүн дейсиңби?

- Жок. Тынч оокат кылсам...

- Эмне, мени менен оокатыңдын тынчы кетип атабы?

- Жок.

Чүйский такый бербеди, акыркы сөзүн айтты:

- Мейлиң. Бүгүндөн баштап бошсуң. Азыр офиске барып эсептешип ал. Телефон чалып коем. Бар.

- Ырахмат байке. Сизди унутпайм.

- Өзүң бил...

Ырасында Талап Чүйскийден жаманчылык көргөн жок. Толгон акча топтоду. Бир май куюучу жай менен тамак-аш сатчу килейген дүкөндү ушул Чүйскийдин арты менен алган. Эки банкта акчасы бар.

***

Чүйскийден кеткенден кийин Талап өзүнө-өзү кожоюн болуп, өз ишин баштады. Жок, кримтоп түзүп рэкеттик кылган жок. Бизнеске биротоло кирди. Анткен менен беш-алты жигит күттү. Акча өндүрөбүз деген үч-төрт майда топтордун сазайын берди. Атактуу рэкеттер ага тийген жок, анткени Чүйскийдин дале болсо колдоосунда эле, экинчиден, өзү да оңой жигиттерден эмес. Беш-алты жигити менен эми законсуз иш жасабаса да, мурунку "эмгектери" менен авторитеттердин катарында болчу, биринчи катарда болбосо да... Талаптын кыскача таржымалы ушундай.

***

Гүлмайрам баягы кара костюм, кара шым, аппак көйнөк алгач кезиккенде сүйгөндөй көрүнгөн татына жигит Алтынбекти небак жек көрүп бүткөн. Жанагы "тышы жалтырак, ичи калтырак" деген макал дал ушул Алтынбекке арналып чыгарылгандай... Гүлмайрамдын жүрөгү эми жалаң гана Талап деп согот, түбөлүк ошондой болот. Мурун, аз мурун бу өзүнөн көп улуу Талапты уялбай кантип жакшы көрмөкмүн, эл эмне дейт, апам эмне дейт деген ою эми жок болду. Эч кимден, эч нерседен уялбагандай сүйүп турду... Ал антип жатканда Алтынбек минтип турду: белгилүү болбоду беле, Алтынбек Гүлмайрамды эч качан сүйгөн эмес, дүнүйөсүнө кызыккан, анан дагы Гүлмайрамдын жалгыз кыз экени, жалгыз апасы гана бар экенин да жактырган. Ал ишке ашырчу арам ойлорунун биртобун ишке ашырды. Алардын машинесин, Чолпонатадагы килейген үйүн сатты, Гүлмайрамга үй алмак болгон долларларды алды, кайнененин эки-үч жылдык түшүмүнүн акчасынын көбүн да басты, аны менен бирге кайнененин сыйына татыды, ишенимине ээ болду. Эми айылдагы заңгыраган үйүн сатып, акчасына ээ болсо, изин суутат. Азыркы заманда баары боло берет. Үйдүн акчасын алдым деген тилкаты болбогондон кийин эр болушса ошол акчаларды өндүрүп көрүшсүн, караташ! Ошенткен Алтынбек айылдагы үйдү саттыруунун бу заманга ылайык планын иштеп чыгып, ишке ашыра баштады.

Алтынбек Гүлмайрамдын айылына жаңы эле күйөө бала болуп келгенде арак менен жанбирге эки жигит менен таанышкан өзү курдуу. Бара-бара аларга арак, көбүнчө самогон алперип, түрдүү иштерин жасатчу: сугартып, ототуп дегендей. Аларга кезиккен сайын бирдеме алпере коюп, кадимкидей баш ийдирип алган. Мына ошол экөөнү бир күнү машинесине салып, айылдан биртоп алыстап барып, чоң жолдон окчунураак токтотту. Анан таңгалган экөөнө сөздү минтип баштады:

- Биз үчөөбүз доспуз, э, бири-бирибизди кыйбайбыз, ээ?

- Ананчы! - деди экөө жарыша.

- Ошон үчүн мен экөөңө бир өтө жашыруун, анан бираз коркунучтуу иш тапшырганы турам, макулсуңарбы?

- Макулбуз, - дешти экөө дале.

- Бул иш жаман көрүнгөнү менен, мен кайненеме боорум ооруп жатат. Аны жалгыз калтыргым келбегендиктен, колума алып багайын деп ошенткени жатам...

- Деги эмне кылышыбыз керек? - деди бири шашкалап, - айтчы бателе.

- Эки-үч жолу кайненемдин терезесин талкалайсыңар, таш менен.

- Эмнеге?! - деди бири чочуп.

- Ошентсеңер, ал киши чочуп, биз менен жашаганга жыргап көнөт. Болбосо көнчүдөй эмес... Куурап атпайбы, жалгыз. Карып да баратат байкуш. Макулсуңарбы?

- Макулбуз, - экөө тең айтты.

Ошондо Алтынбек камдай келген арагын, эт, наны, бадыраңын кошо алып чыгып, экөөнү жыргатты.

- Оозуңардан чыкса, өзүңөр тартасыңар азабын... Түрмө деген оңдурбайт!

- Сенчи? - деди бири.

- Менби? Мен эмне... Терезени мен талкалабайм да...

Ошондон бир жума өтпөй кайнене үйүнүн үч терезеси талкаланды, саат түнкү 2лер чамасында. Анын жүрөгү түшкөнүн айтпа. Кайнилеринен көрөйүн дейт, кайра дити барбайт. Кимге арызданарын билбейт. Милийсага барсачы? Кайдан тапмак эле. Кыз-күйөөсүнө барайын десе, дарегин билбейт. Сурап албаптыр да.

Ошондон үч күн өтүп, дагы талкаланды эки терезеси. Ошол күндүн эртеси кыз-күйөөсү келди. Аларды көрүп жашып, болгон ишти айтты эле, экөөнүн тең жүрөгү түштү. Бириники чын, бириники калп. Калпы - Алтынбек, аябай "күйүп" турду:

- Туйата, милийсага билдириш керек болчу. Ким экенин билсем, муунтуп өлтүрөт элем!

Бу сөздү уккан кайнене чочуп кетти:

- Кой балам, антпе. Тентек балдар болсо керек...

- Кой, мен азыр эле участкалык милийсага барайын, - деди Алтынбек шашкан болуп.

- Кой балам, шашпа. Чай ичип алып шашпай бар.

Алтынбек араң көнгөн болуп, сынган терезелерди көрүп жүрдү. Айнек салыналек экен, беш терезенин он чакты көзү... Чай ичилип бүткөндөн кийин Алтынбек милийсага кетти, бирок ага барган жок, баягы экөөнү таап, мас болгонго жетерлик акча берип, бүгүн да терезе чакканга тапшырма берди. Анан дагы катуу эскертти:

- Бирөөгө оозуңардан чыкса, өлдүм дей бергиле. Же түрмөдө чирийсиңер!

***

Алтынбек өзүнчө бөлмөдө, кайнене менен кызы башка бөлмөдө уктабатышкан. А чынында уктабаткан экөө эле, Алтынбекте уйку кайдан болсун, аңдып жаткан. Саат 2ден өтүп калганда тигил экөө жаткан бөлмөнүн терезелери шаңгыр-шуңгур талкаланып, эне-кыз орундарынан атып турушту. Жүрөктөр оозго тыгылды. Алтынбек аларга чуркап кирип:

- Эч нерсе тийген жокпу? - деп "сарсанаа" боло сурап, анан терезе чаккандарды "кармамай" болуп сыртка чуркап, дарбаза түбүндө жети-сегиз мүнөттөй туруп, кайра келди:

- Таппай калдым. Ың-жыңы билинбейт. Балким машине менен келгенби деп калдым. Жөө болсо көчөдөн иттер үрбөйт беле...

"Машине менен келгенби" деген сөз кайнене менен кызын огобетер коркутуп салды. Андай болсо бандиттер аралашкан иш го дегендей ойго келишти экөө тең...

- Ушу менен үчүнчү жолу кол салып жатса, өтө коркунучтуу немелер го сыягы, - деди Алтынбек, - бу айбандар чоң зыянга барышы мүмкүн. Азыр эмне, терезе талкалаганды кой, киши өлтүрүп коюу алар үчүн бир түкүрүм нерсе, - Алтынбектин бу сөзү тиги экөөнүн биротоло айласын кетиргендей болду.

Кайнене күйөө баладан жардам болчудай үлбүрөдү:

- Эми эмне кылдык, балам?!

- Мен да чочуп калдым, апа. Эмне кылышты мен да билбей турам.

- Милийсага арыз жазыш керек, - деди Гүлмайрам, - башка эмне кылмак элек.

- Сен да кызык сүйлөйсүң, Гүкү. Кечээ милийсаны таппай келатып ойлондум, милийса эмне кылып берет эле деп. Кылмыш дегениң аябай өсүп, азыр милийсанын айласы кетибатпайбы. Анын үстүнө, эгер бу терезе чаккан бандиттер ошол милийсалар менен байланышта болсочу... Анда огобетер жаман кылбайбы.

- Анан эмне кылыш керек? - деди Гүлмайрам айласы түгөнө.

Саамдан кийин Алтынбек минтти:

- Дагы күтө туралы, эгерде эми бир жолу терезе чакса, же дагы бир нерсе кылса, анда бул жерден кетүүгө туура келет. Анткени бу айбандар үйдү өрттөп жиберсе эмне болот... Бул жерден кетиш керек... Үй жерге кирсин, апам аман болсун. Мен ошого аябай сарсанаа болуп жатам.

Берки экөө үндөшкөн жок. Ар кимиси өздөрүнчө ойго батты: "Э кокуй, үйдү кантип сатмак элем. Жыпардын арбагы эмне дейт. Деле эмне болсо да, сөөгүм ушул жерден чыксын" деди Калыйпа. "Тиги үйдү да саттык, эми саталек ушул үй калдыбы? - деди Гүлмайрам. - А бирок апам жалгыз болубатпайбы, ал аз келгенсип, терезелерин чагып отурса, бу желмогуз айткандай, бир күнү өрттөп жиберсечи...". "Дагы бир ирет терезеңер чагылып, чөбүңөр өрттөнсө, үйүңөрдү сатпаганыңарды көрөм, энеңдурайындар" деди ичинен Алтынбек.

***

Кыз-күйөө эки конушту. Үй кайтарган болуп. Калыйпа бир күнү тоок, бир күнү индюк сойдурду. Отурса-турса оюнда жашап, бет маңдайынан кетпей калган Талапты көргүсү келип сагынган Гүлмайрам энесинен сурады экөө жалгыз экенде, Алтынбек короо-жайда бир нерсе жасамыш болуп жүргөн.

- Апа, Талап деген байкени билесизби?

- А ыраматылык башкарма акенин уулубу?

- Ии.

- Билем. Өзү дурус жигит дейт. Бирок жанагы хулиган немелер менен байланышып кетиптир дешет. Андан чочуп турат, айылдын баары. Бирок быякка зыяны тийген жери жок. Бишкекке соода кылып баргандарга жардам берет экен ууру-кескисине тийгизбей... Аны эмнеге сурадың, балам?

- Жөн эле... Бир жолу ошол байкенин машинесине түшүп кеткем айылдан. Апамды сагынып турам, колдон келсе жанында жүрөт элем дегени жакты мага...

- Э, кокуй, анын энесинин өлгөнү качан. Менимче, бу бала мектепти бүтөлекте эле өлсө керек эле, абышкасынан кийин бат эле...

- Анан эмне ошентет?

- Сени тамашалап койсо керек... Агасы ошол эне-атасынан айрылганда эле иче баштаган, бүгүнкү күнгө чейин таштабайт. Өзүнө окшош аялы бар, тең жарыша ичет.

- Талап байке каралашабы?

- Каралашпай анан... Нечен жолу экөөнү бирдей дарылатты. Жарым жыл өтпөй, кайра ичишет, Талап апкелген тамак-ашка чейин сатышат. Эми алардын өлөрү эле калды го, кыркка чыгып-чыкпай.

Ушу менен Талап жөнүндөгү сөз соолуду. Бирок Гүлмайрамдын көкүрөгүнөн кетмекпи, кетпейт. Ошондо момундай ой келди: "Терезе жөнүндө ага айтпаймынбы?" Айтмай болду. Канчалык тез айтса, ошончо жакшы болот деп ишенип койду.

Эртеси Алтынбек кетти. Гүлмайрам бир-эки жума апасынын жанында жүрмөй болду.

- Болушунча тез кел, - деди Алтынбек кападар түр көрсөтүп, - сенсиз кыйналам да, Гүкү. Ичинен башка маани кетти: "Сенин жогуң мага жыргал, энеңдурайын!" "Менсиз жыргайсың да, түлкү" деди Гүлмайрам.

Бир күнү Гүлмайрам короого суу сээп шыпырып жатат эле, дарбаза кагылды. Барып эшикти ачып эле делдейе калды, бетмаңдайынан көзирмем кетпечү Талап байкеси жылмая карап турбайбы. Гүлмайрамда шай жок салам айтууга, Талап озунду:

- Саламатпы, Гүкү?

- Саламатсызбы? Келиңиз.

Талап кирген жок. Гүлмайрам чыкпады. Эгерде Талап кирсе, кыз энесине эмне дейт, эгер кыз сыртка чыкса, кошуна-колоң көрсө далай күндүк, же айлык аңыз болот, айылдыктар эрмектегенге.

- Гүкү, мен эртең менен саат 10дордо остановкада турам, - деди Талап.

- Макул.

Талап кетти. Дене-башы ымыр-чымыр кыз эшикти жапты. Короосун шыпыралбай, жүрөгүнүн дүкүлдөгөнүн басаңдатып короодогу орундукка отурду. Курган жүрөк басылсачы бир... Эртеси Гүкү эрте туруп, жуунуп-таранып, небактан туруп короодо жүргөн энесине чай берди.

- Апа, мен үйгө барып келейин, эки жума жүрөйүн дедим эле, үчүнчү жумага кетти.

- Мейлиң, - деди апасы, - бирөөнүн квартирасын талкалап кетпесин. Кайра качан келесиң?

- Бат эле келем. Балким бүгүн эле келермин.

- Алтынбекчи?

- Анын өз оокаты бар, - деди Гүлмайрам көңүлсүз.

Апасы бир нерседен шек алгандай кызын бир "жалт" карап, бир нерсе сурамакчы болуп, көмөкөйгө келе калган сөзүн эптеп кайра жутту. Дал саат 10до Гүлмайрам остановкадан окчунураак турган Талаптын машинесине түштү.

- Кайда дейсиң, Гүкү? - деди Талап жылмайып.

- Адегенде квартирага, анан ойлонобуз, - деп Гүлмайрам да жылмайды.

Чолпонатадагы Гүлмайрамдардын квартирасы жайында экен. Алтынбектин бул жерде жашап жүргөнү деле билинбейт. Гүлмайрам бат эле кайра чыгып, Талаптын жанына отурду.

- Кайда кеттик? - деди Талап.

- Байке, адегенде бир ишти сүйлөшүп алалычы, анан кайда болсо барабыз да.

- Ал ишти тамак ичип жатып сүйлөшсө болобу?

- Болот.

Бир кафеге келип тамакка отурушту. Тамак шашпай желип, сөз коштолду. Гүлмайрам сынган терезе баянын айтты да, аягында минтти:

- Сизди жардам береби дедим эле...

- Берем. Бат эле табылат. Терезе сындырыш үчүн алыстан келмек беле, айылдыктар эле чыгат. А балким бүгүн эле табылат... Айылга бүгүн эле кетпейлиби. Бир жакка барсак эртең деле барабыз да. Экөөбүздө шашылыш иштерибиз деле жок эмеспи, ээ, Гүкү?

- Макул, - деди Гүкүсү.

Дароо эле айылга келишти. Гүлмайрам остановкадан түшүп калды, Талап менен эртең ушул жерден мурдагыдай эле саат 10до кезикмей болушту.

Талап өзү теңдүү ымалалаш жигиттерди бирден кыдырып, ошондо төртүнчү жигит дебатпайбы:

- Өткөндө ээрчишип ичкен эки бала бар, сен тааныбайсың го, ошол экөө бирдеме алпериңиз дебатышпайбы дүкөндүн жанынан өтүп баратсам. Алпералбайм деп кете бердим. Анан "айнек сындырсак да таап ичебиз, өлбөйбүз" деген сөзүн чала-була кулагым чалып, бу эмне дегендери деп ойлоп койгом. Балким...

- Балким, - деди Талап тигини коштой, - аларды кайдан табабыз?

- Дайымеле дүкөн жакта болушат, же бирөөнүн оокатын жасап, анысына ичишет. Аларды издеп деле убара болбойбуз. Айдачы, дүкөн жакка.

Келишсе, баягы эки эргул дүкөндүн жанында дагы үч-төртөө менен турушкан экен "аң уулап". Талаптын теңтушу экөөнү ээрчитип келип, машиненин артына отургузду да, алардан сурады Талапты көрсөтүп:

- Бу байкеңерди тааныйсыңарбы?

- Тааныйбыз, - деди экөө Талапты карай берип, жүрөктөрү түшүп кала жаздады. Далай аңызын да угушкан. - Салоомалейкум, байке!

Талап алик алган жок, дароо эле:

- Эй, айбандар, эмне терезе чагып жүрөсүңөр?! - деди каардуу да, заардуу да үн менен.

Экөө бирин-бири карашты, шым булгана жаздады сымал, а балким болору да болуп кетти. Жүрөктөрү оозуна тыгылып, жооп бералбай турушту. Ошондо Талап койнуна колун салып, Кудай бетин салбасын, тапанча сууруп чыгып, тигилерге:

- Бул эмне?

- Тапанча...

- Тапан...ча, - эми даана чыкты окшоду бу айнек чаккычтар.

- Муну менен эмне кылат? - деди Талап.

- Атат...

- А-а, билет турбайсыңарбы, эй? Аткандан кийин өлөт ок жегендер, билесиңерби?

- Билебиз...

- Эмесе, айткылачы, терезени эмнеге чагып жүрөсүңөр?

Экөө биринен-бири талаша Алтынбектин айткандарын, терезени кандай чагышкандарын чыпчыргасын коротпой айтып беришти да, жыланга жем болчу коендой титиреп туруп беришти.

- Мени менен болгон сөздү эч ким укпасын, Алтынбегиңер да, уктуңарбы? Сөздүн чети чыкса эле атып салам, мээңерге жеттиби?!

- Жетти...

- Жетсе, ме, момуну алып, өзүңөрдүн денсоолугуңар үчүн ичип койгула, - деп калтыраган, калчылдаган колуна карматты...

***

Эртеси болжогон маалда Талап Гүкүнү машинесине салып Чолпонатага келип, дагы кафеге киришти. Ошол жерден Талап терезенин эмнеден чагылганын айтып, Гүлмайрамдан Алтынбек жөнүндө баарын жашырбай айтып берүүсүн өтүндү эле, Гүлмайрам эмнесин жашырмак, баарын-баарын айтты. Көзгө жаш алды, көзгө көрүнүп калган, анан боюнан түшкөн ымыркайларын эстеп...

- Алтынбекти жазаласак болобу? - деди Талап сөз соңунда.

- Болот, - деди Гүлмайрам, - бирок тирүү жүрө берсин.

- Сен айткандай болот. Бүгүндөн баштап айылда жашап тур, макулсуңбу?

- Макулмун.

Ошол эле күнү Гүлмайрам квартирадагы майда-барат оокатын, төшөнчүсүн алып, квартиранын ачкычын ээсине тапшырып, айылга көчүп келди. Талап көчүрөт да...

***

Алтынбек баягыда кайнененикинен кеткен боюнча кайтып келген жок, атургай квартирага да жолободу. Туш-тушка каттады. Чолпонатага үч ирет келип кетти, бүгүн төртүнчү ирет келиши. Бүгүн кайнененикине барып абалын сурамыш болот, "үйдү саттырганга биротоло көндүрөм, эмдигиче баягылар дагы бир ирет терезе чагып, чөп өрттөштү болуш керек, эми үйдү сатпай көрүшсүн...". Ушуну ойлоп көңүлү ток Алтынбек жүргүнчүлөрүнүн жүгүн багажниктен алперип, жаңы эле машинесине отурмак болгондо, эки жигит эки жагынан колтуктай кармап:

- Жүрү, сөз бар, Алтынбек деген алтын жигит, - деп жанында турган кочкул-көк "Жипке" салышты. Алтынбек жулунган да жок, жулунганга да жүрөк керек экен. А Алтынбектин жүрөгү ченелүү болчу да. Эки жагына эки жигит отуруп, бири жандан небак түңүлгөн неменин көзүн капкара жоолук менен таңып таштады. Машине ордунан жылды. Бир саат чамалуу жол жүрүштү. Адегенде зымыраган жол, кийин өңгүл-дөңгүл жолго айланды: ылдый кирип, өйдө чыккандай болот. Кебетеси тоо тарапка баратышат көрүнөт. Бир маалда машине токтоп, Алтынбекти колтуктай баскан немелер бир жерге апкелип түртүп жиберишти да, тепкилеп калышты. Алтынбек кыйкырып жалынганга да үлгүргөн жок, эси ооп жатты алекизаматта... Эртеси эртең менен эптеп көзүн ачты, эчнерсе көрүнбөйт, малдын кыгы жыттанат. Колу менен жаткан жерин сыйпаса, ырас эле кык экен жылуу. Тили оозуна батпай суусайт. Денесинин тамтыгы жок сыздайт. Бир бутун тартмакчы болду эле, акырын шыңгыр эткен үн чыкты. Эптеп ошол оң бутун сыйпаса, кишен салып коюптур, ал чынжырга уланган, чынжыры болсо килейген түркүккө бекитилген, кулпу менен. Аны кийин көрдү... Бара-бара көзү караңгылыкка көндү. Өтө деле караңгы эмес экен. Каптал жактагы целлофан менен жабылган кенедей терезеден аздап жарык түшүп турат. Малсарайда жатканын даана билди. Эмнеге бу жерде жатат? Апкелгендер кимдер? Кай күнөөсү үчүн кишендеди, тепкиледи? Же бирөөнө карыз болбосо. Мурун көрүнгөндөн алып, бербей кетчү майда-барат карыздары үчүн ушундай кылмакпы? Гүлмайрам жасаттыбы? Ал көкмээ эч нерседен шек-шыбаасы жок эле, жасатмак беле? Жасаткан күндө да анын кимиси бар дейсиң, көралбаган атасынын эки инисинен башка. А балким коюндаша жүрчү беш-алты аялдын биринин күйөөсү жасап жатабы?.. Анда соо койбойт. Түбүнөн кесип салышы мүмкүн... Алтынбек жаны чыгып кете таштады. Мээси болсо күйөөсү жоктор менен эле жүрбөйт беле. Сооп сага... Э кокуй, эмне деп жатат? "Сооп" деп өзүнө айтканы эмнеси...

Ушинтип эзилет. Бир маалда эшик шарт ачылып, жаркырай түшүп, кайра коомай жабылды. Эшиктен шоола түштү. Эки неме үн-сөзү жок эле тепкилеп калышты. Дагы эси ооду Алтынбектин. Бу жолу бир-эки ирет "өлтүрбөгүлө!" деп бакырганга үлгүрдү... Бу "алтын" жигитти күнүнө эки ирет тепкилешет. Бир гана үн чыгат жансоогалаган.. Үчүнчү күнү кытай бөтөлкөсүнө суу, жарым бөлкө нан беришти. Соо жери жок, денеси сыздаса да суу менен нандан калтырган жок.

Бир жума өткөндө бок-жини аралашты. Жинди болуп бараткандай сезди өзүн. Сырттан дабыш чыкса жаны кошо чыга жаздайт. Дагы эки ирет суу менен нан беришти. Эки ирет тепкилегенден жазышкан жок...

Дагы бир жума өттү. Алтынбек адам сапатынан кете баштады. Күндүзү да, түндөсү да кезеги менен жөөлүйт. Эттене баштады эле, ошол эки жумада сөөгү эле калды.

Үчүнчү жума болгондо кебетеси эртең менен го, Алтынбек кай убак экенин да билбей калган, эшик ачылып, эки-үчөө киргендей болду. Алтынбек каададагы тепкини күтүп, денесин жыйырып жиберди, күчү жетишинче бүрүштү. Бирок бу жолу күткөн тепки болбоду, анын ордуна үн чыкты:

- Аялыңдын аты ким?

- Гүлмайрам.

- Анын атасынын машинеси кайда?

- Авария... - Сөзү бүткөн жок, килейген муштум дал төбөгө орноду.

- Кайра айтчы?!

Эсин араң жыйган Алтынбектин мындан ары сөздөрүнүн баары чын айтылды:

- Казактарга саткам.

- Чолпонатадагы үйдүчү?

- Аны да саткам.

- Акчалары кайда?

- Банктарда.

- Айылдагы үйдү да сатайын дедиң беле?

- Ооба.

- Тиги экөө кайда жашайт дедиң эле? Аялыңды таштап кетмекчи болгонсуң да, туурабы?

- Туура. Аларга эки бөлмө квартира сатып бермекмин.

- Калган акчалардычы?

- Россиядан бизнес жасайын дегем.

- Кайненең менен аялыңдын убалы кимге?

Алтынбек бети-башын эки колдоп калкалай калды эле, баарыбир төбөгө жеди, башы жарыла жаздады.

- Гүлмайрамдан, анын энесинен канча акча өндүрсөң, баарын кайра кайтарасың, уктуңбу?!

- Уктум.

- Минип жүргөн машинени сатканды унутпа, уктуңбу?

- Уктум.

- Уксаң шашпай уктап ал, алдыда иштериң көп, - деп туруп сурап жаткан жигит Алтынбекти жабыштыра сокту, бир-эки ирет тээп да алды. Чын эле Алтынбек уйкуга кирди, эси оогон эле, адатынча...

Канча өткөнүн ким билет, бир маалда кайрадан эшик ачылды. Сырт караңгы экен. "Акчаны кайра кайтарасың" дегендерине караганда, өлтүрүшпөйт экен. Акчаны кайтаргандан кийинчи? Ушуну ойлоп Алтынбек жинди болуп жаткан... Сырттан кирген экөөнүн бири Алтынбектин бутуна салынган кишендеги болтту ачкыч менен бурамасын бурап чечти да, бутуна араң туруп, сасыган немени оолак кармап сыртка жетеледи. Туткундун өзүнүн машинесинин артына отургузушту. Кайрадан көз таңылды. Эки машине Чолпонатанын автовокзалына келип токтогондо небак түн кирген. Алтынбектин көзү чечилди. Бир жигит айтты:

- Азыр машинеңе отуруп Бишкекке жөнөйсүң. Төрт күндөн кийин дал ушул жерге келип, акчаны бересиң, уктуңбу?! Качсаң мобу оңой эле кууп жетет, - деп тапанча менен чекесин ойо такыды, - бүлөңдү кошуп туруп кырып салам.

- Качпайм, - деди калтыраган Алтынбек. Ага ата-эне, биртуугандарынын кырылганы кеп эмес эле, өз жаны керек. Аны эч ким бербейт эмеспи...

Машинеге каткан акчасы ордунда экен. Таңгалды тигилердин тинтпегенине, ар ким өзү менен баалайт да. Бир жерден май куйду. Ошол жерде май куйгандар таңгала карайт. Кебетеси жапайы адам кейиптенип, алыстан эле буруксуп сасып турса карайт да. Тентимиш селсаякпы десе, айдаганы чет элдик машине.

Балыкчыда бир көңүлдөшү бар эле, түз эле ошонун үйүнө айдады. Балдары уктап, өзү самогон тартып жаткан экен. Кебетеси келишип, сасыган неме үйгө киргенде жүрөгү да түштү, силкине жийиркенип да алды.

- Бол, мончо жакчы, - деди Алтынбек ал-жай сурабай эле. Аялдын өңүнөн чаары чыга түштү:

- Сен эмне буйрук бересиң, ыя?! Эмне, бу жерде алып койгон салпэтек катының бар бекен! Делекой-ай, жарым ооз ал-жайды сурабай, түз эле мончо жак дейт, ай! - Самогону жакшы өтүп, анын үстүнө дагы бир-эки эркек ачкенедей жабышып жүргөн аялдын көөп турган учуру эле да. Алтынбек айтыша албады, бирдеме десе түз эле сүйрөп чыкканы турат.

- Кечирип койчу, кордук көрүп келген жаным, ал-жайды сураганды да эстен чыгарган турбаймынбы... Баса, ме, балдарга таттуу алганга да үлгүргөн жокмун, - деп эки жүз сомдук кагазды аялга сунду. Тиги алып, дароо жумшарды:

- Сен тиги казандагы сорподон куюп иче бер, мен от тутантып келейин, - деп сыртка чыкты...

***

Адам кызык жаралган эмеспи. Кечээ эле жанынан түңүлүп, өлөрүн самап турган Алтынбек Бишкекке келип акчаларын толугу менен алгандан кийин, андан айрылгысы жок. Доллардын жыты башын тегеретет. Кээде өлүмүңөн да күчтүү болуп кетет экен долларың. Ушунун баарын бергенче өлүп тынганым жакшы эмеспи деген да ой келип жатпайбы. Эми эле үчүнчү банктан чыгып, бир пакет долларды кармап Алтынбек машинесинде отурган. Ал аңгыча алдына бир көгүш "Мерседес" токтоп, андан бир жигит түштү да, түз эле Алтынбектин жанына келип кекээр үн менен минтти:

- Эй, эшек! Качканды ойлонбо, кел деген жерге тез жеткенди ойло, уктуңбу?! - деп туруп, анын көкжелкесинен мыкчый кармады эле, көзү чанагынан чыга жаздады:

- Азыр жөнөйм, байке!

Жигит машинесине түшүп кете берди. Алтынбек түшүндү биротоло таптакыр кутулбасын. Беш сааттан кийин Чолпонатага жетип, автовокзалдан акчасын берип, аны алган олбурлуу жигиттен бу сөздү укту:

- Сен, айбан, жакшы ук: он жылга чейин Балыкчыдан Көл тарапты көздөй өтпөйсүң. Өткөн күнүң - акыркы күнүң болот. Мээңе жеттиби?! Эми түш, машинеден.

Алтынбек түштү. Машинени сат дегендерин чын эле унутуп калыптыр. Тиги жигит Алтынбекти баягы "Жипке" отургузду, ал жерде дагы эки жигит бар экен, бири айтты:

- Эй, айбан, машинени эмне саткан жоксуң?!

- Унутуп калыпмын, байке.

- Бүрсүгүнү базар. Машинени сатып, акчасын дал ушул жерге апкелесиң, ушул биринчи күнү. Бар!

Алтынбек биринчи күнү машиненин акчасын толук апкелди. Саткан жерде да көзөмөлдө тургандыктан, акча кытый албады. Бишкекке автобус менен кетти. "Шордуу экемин" деп ойлонуп алды кечки автобуста орун жок, туруп баратып. Анан көзүнүн жашын колу менен сүрттү, бетаарчысы кайда калганын билбейт... Өзүнө эмес, байлыгына кызыккан Гүлмайрамды самады, "жөн жүрсөм эмне" деди улутунуп, жыргалды колдон чыгарып жиберген тура. Бирок ага күнөөлүү өзү эмес, башкалар болду, тагдыры ага каршы болду, түшүнүктүү адам... Ушинтип ойлоду.

Гүлмайрам менен апасы жаңы эле түшкү тамакка отурганда, Талап келди. Калыйпа таңгалса, Гүлмайрам сүйүндү. Төркү үйгө көчүп, үчөө тамак ичишти. Андан соң чай келди. Дал ошол маалда Талап колтуктай келип дивандын үстүнө койгон пакетти алып Гүлмайрамга сунду:

- Гүкү, мына уурдаткан акчаңар.

Гүлмайрам таңгалды, анан түшүндү. Апасы болсо оозун ачкан бойдон турду эле, Гүлмайрам айтты:

- Апа, бул жөнүндө анан айтып берем, ээ?

- Мейлиң... - деди апасы.

Талап да бираз отуруп, анан кетти Гүлмайрамга качан келерин айтып. Ал кеткенден кийин Гүлмайрам апасына баарын, баарын айтып берди. Апасы жашын тыйбай укту, айтып аткан кызын кайра-кайра кучагына кысып өөп...

***

Ошондон эки ай өткөндөн кийин Талап беш-алты жолдошу менен, анан да аракка уялаш ага-жеңесин татына кийиндирип келип, Гүлмайрамды үйүнөн алып кетти, ал үйдө чоң той өткөрүп, Гүлмайрамдын туугандарын түгөл чакырып..

Талаптын Чолпонатада килейген эки кабат тамы бар эле. Сатып алганына алты жыл болсо да, өзү турган эмес, бирөөлөр турчу. Үйдү кайтарганы жетет деп акы да алчу эмес. Гүлмайрамга үйлөнөрдөн мурун аларды чыгарып, үйдү мыкты эмерекке толтуруп, даяр кылган. Ошол үйгө алып келди колуктусун. Анан бир жума өткөрүп Гүлмайрамдын төркүндөрүн койбой чакырып, той берип, нике кыйдырды.

***

Ошондон бери беш жыл өттү. Эки балалуу болушту, бири төрттө, экинчиси экиде, экөө тең эркек. Гүлмайрам ошондо жыргалга батып, буту жер баспай асманда периште болуп учуп жүргөндөй эле. Мурун Алтынбекке барганда чаңда калган гүл болсо, эми бейиштин төрүндө өскөн, жыты адамзатты мас кыла аңкыган гүл болуп бажырайды...

Бирок, түбөлүк жыргал болбойт окшобойбу, Талап төрт эле ай ооруп, жарык дүйнөнү таштап кете берди... Эки айын дарыланып, анан рак экенин билгенде көгөрүп болбой койду дарыланганга. Жаны кандай гана кыйналды, ашказаны бычак менен тилгендей ооруп, онтоп жатканда Гүкүсү, же балдары келсе онтогонун "тып" басып, жылмая эркелетип, мээрими төгүлүп турду...

Өлөрүн ошол эки ай калганда билип, өзүнө түбөлүк дос болуп оң колу болуп жүрчү жигитке өзүнүн бүт мүлкүн: эки заправка, бир дүкөн, машине коюучу үстү жабылган чоң жайды, эки машинени Гүлмайрамга каттатты, дагы эки дүкөн, Бишкектеги чакан базарды, акча алмаштыруучу үч пунктту, дагы бир заправканы ошол досуна берип, берки балдар менен бөлүшүүсүн өтүндү... Ошентип, эки ай азаптын-азабын көрүп, аялы менен балдарына кабагынын бүркөлгөнүн бир көрсөтпөй узап кетти. Эң акыркы сөзү: "Менин кереметим" деди Гүкүсүнө...

Өлгөндүн артынан кетмей жок. А балким эки наристеси болбосо, Гүкүсү артынан жан кыйып кете бермек. Гүлмайрам боздойт, апасы коштойт. Антип тирилтип алалбайсың. Гүлмайрамдын сезиминде Талабы түбөлүк жашайт. Күндө ойлогону Талап. Аны менен беш жылдан бираз ашык жашап жашоонун кызыгын көрдү, эркектин, күйөөнүн жыргалын сезди. Сүйгөнү менен жашоо, накта жигит менен жашоо ушунчалык сонун болорун, керемет болорун, андай жашоодо кайгы-капа дегениң кайгып өтөрүн билди. Алтынбектей менен элүү жыл жашаганча, Талап менен эки күн жашаганы артыктыр... Эми түбөлүк Талап менен жашайт. Айла жок, аны ажал алып тынды. Бирок сезиминен Талаптын элесин эч бир ажал алалбайт, өзүн алса алат, бирок Талабынын элесин эч качан алалбайт. Аны менен жашаган беш жыл түбөлүккө жетет. Туяктарын чоңойтот, атасындай чоңойтот. Эми Гүлмайрам үчүн күйөө деген сөз өмүрүнүн бир жеринде калган сөз болот, тарыхы болуп, тарыхта калат. Күйөөсү Талап гана...

Ошондо Гүлмайрам жыйырма жети жашта эле...

Аягы

Поделиться

Башка китептерин окуу учун картинканы басыныз