Баратбай АРАКЕЕВ


"Кандуу жылдар"


Акелең үч-төрт күнгө чейин Макандын жоголгонунан эсеп деле берген жок. Тааныштары менен жүрсө керек деп ойлоду. Анан санааркай баштады. Кантмек, биринчиден, айылдашы, экинчиден, бу ак дил баланы чындап келсе бир тууган инисинен кем көрбөйт.. .

Ошол үч-төрт күндөн кийин Маканды өзү жиберген базарга барып керээли-кечке издеди, бирин-экин айылдаштарын жолуктуруп сураштырды, уккан-билген киши жок. Милийсага барсачы? Бул оюнан дароо кайтты, андан аябай коркчу. Акыры кудай сактасын деген ою жеңип, өз түйшүгү менен алек, кудай сактасын деген кудуреттүү сөз кыргызыңды санааркатпай, коймаарек кылып таштайт эмеспи.. .

***

Макан бир айдан өтүп ооруканадан сакайып чыкты. Анткен менен шайы жок, өңү кагаз, баягы таш дене шалбырай түшкөн. Ал чыгып келген күнү Акелең жакшылап тамак жасап, экөө бир бөтөлкөнү тең бөлүп, тээ түндүн бир оокумуна чейин сүйлөшүп отурушту. Макандын окуясын уккан Акелең дароо эле айтты:

– Аны жанагы сен көтөрүп урган мурут жасады, билдиңби? Дароо эле, байкагам, соо адам эмес, бандиттердин анабашы болуш керек. Өлтүрүп салгыла деди да.. .

Арак денесин жибитип бараткан Макан тиштенди:

– Эми өзү өлөт!

Акелең так секирди:


– Сен эмне, жинди болдуңбу?! Жаман болсом да улуу деген атым бар, өлтүргөндү коюп, аман калганыңа сүйүн. Андан көрө экинчи жолу анын көзүнө чалдыкпайын деп тиле.

– Баары бир өч алам.

– Эй кандай келесоосуң, ыя?! Ошолор эле сенден өч алдырып коюп жатып бермек беле. Колдон келчү ишти айтсаң боло! Өлбөй калганыңды билсе, түбүңө жетет. Аны-мунуңду кой да, эртеңден калбай айылга кет. Жан керекпи, кет.

– Көрөбүз.. .

Макан ошол түнү таң атканча кирпик каккан жок. Эмне ойлобосун, «өч алуу керек» дегенге алпарып такайт, ызаланып кетет, азыр ушу жетип барып мурутчанды да, беркилерин да мууздап салгысы бар. «Өлтүрөм, баары бир өлтүрөм». Минтип кызуу кандуулук кылып жатат, болбосо чычкан өлтүрө албас. Ырасында эле Макан ошондой, чычкан өлтүрмөк турсун, мууздап жаткан койду карай албайт. Айылда жүргөндө бир кошуна жеңеси чакырып келиптир: «Байкең үйдө жок эле, тооктун башын чаап берчи» деп. Так секирген: «Чаап көргөн эмесмин». «Эй, жигит эмес эле мен окшогон катынсың го.. . » деп жеңеси оюн-чындан катуу айткан. «Ырас эле, тооктун башын чабалбасам, эркектигим аз го.. . » ушинтип ойлонуп койгону бар.. .

***

Ак көңүл Акелең эртең менен Маканга айылга кет деп кеңири акча берди:

– Ме, момуну ыраскот кылып кой, таттуу-паттуудан кеңири алганыңа да жетет. Кийин байыганыңда берерсиң, бербесең доолашмай жок. Баарына менден салам айт. Жеңең келмек эле тезирээк келсин, унутпай айт. Соода кылчу орун даярдап коюптур де.. .

Макан аз кийими салынган асынма кара сомкесин алып, Акелеңге рахматын айтып, үйдөн чыкты.

Анын айылга кетейин деген ою жок болчу. Атып салам десе да бармак эмес. Өң-алеттен кетип, кебетеси келишип, кайсы бети менен барат. «Тентип калып, ичээрге тамагы, кийээрге кийими жок калганда келиптир, нанга жетпей отурган эне-атасы эми муну кантип бакты» деп кеп кылчулар четтен чыкпайбы.. .

Палан кылам, түкөн кылам деп жашоосун мындан ары багыттаган тартиптүү ою деле жок болчу. Сомкесин асынып, көчө бойлой илкий келатат. Өзүн өлүмдөн алып калган догдур байкенин айткандарын эстеди. «Жайлоого бар, кымыз ич, казы-карта же, оор жумуш жасаба. Анан бир ай өтүп-өтпөй калыбыңа келесиң, организмиң мыкты экен» деген ал киши. Андан соң эки ирет келген милийсаны эстеди. Кадимки эле шым-көйнөкчөн экен. Сан суроо салып мазээсин алды, араң жан жаткан неменин ашмалтайын чыгарды. Догдурлар милийсага дароо билдирет тура, кырсыкка учурагандарды. Ошол эки ирет келгенден кийин дайыны жок болду. Ушуларды ойлонуп келатып, баягы эрди-катынды эстеди. Ыраазы болуп эстеди. Атаңдын көрү де, колунда болсо ошол экөөнү дүнүйөгө карк кылып багып албай беле.. . Алардын адреси менен атайын барууга нээти жок эле ошол жерге келди. Келгенин келгенден кийин билди. Бул жер чоң шаардын чок ортосунда болгону менен, көпчүлүгү кепе тамдардан турган жер. Эшик алды кайсы, көчөсү кайсы – ажырымы жок.

Качандыр бир көк-жашыл түскө сырдалып, анысы белгисиз түскө айланып, Пизан мунарасындай бир жагына оогон дарбазаны какты. Короодон жооп жок. Дарбазаны түртсө ачык экен, короого кирди. Ана, баягы катынына кыргыйдай тийип турчу эркек дөңгөчкө отуруп тамеки тартып жатат. Маканды көрө сала атып турду, жүзү жайнап кетти:

– Ой, иним, кел, кел. Бу дарбаза каккан ким деп, туруп баргандан эринип отурсам, сен турбайсыңбы! Сакайып кеттиңби? – Маканга келип бир тууганындай кыса кучактап, балч-балч үч-төрт ирет өөп жиберди. Ичкиликтин жыты күчүндө экен. – Ырас келбедиңби. Энеңдурайын десе, ой, өз үйүмө өзүмдү киргизбей жатпайбы!

– Ким?

– Ким болмок эле, өзүмдүн эле айылдашым. Зөөкүр энеңдурайын десе,, алкаш! Алымдын гана жетпегени, болбосо, мойнун толгон туруп.. . Бети жок десе, катынымды бирдеме кылып жатабы дейм.. .

Макандын келгени дем берди көрүнөт, короонун ичиндеги төрт кепенин бирине барып эшигин уруп да, тепкилеп да жиберди:

– Эй, зөөкүр, ач, энеңдурайын, суболуч десе! Эй, зөөкүр, иним келди, азыр энеңдин көтүнө кайра киргизип сала электе сыйың менен ач!

«Бекер келипмин» деди Макан. Эми дагы эмне балээнин үстүнөн чыгар экен. Тепкилеп жаткан эшик ачылып, зөөкүрлүгү да, алкаштыгы да кебетесинен даана көрүнгөн эңгезердей неме чыгып беркини сөгө баштады:

– Эй, эмне деп эле кедеңдеп жатасың, ыя?! Азыр башыңды көтүңө тыгайынбы! Кана, апкелчи иниңди! Ини-пиниң менен тыкчу жерге тыгып ийейин!

Бу сөздү уккан Макандын денеси бир силкинип, намысы дүрт этип, калтырап кетти.

Кубанычбек эртеси кабинетке кирери менен телефон бурап, шаардык милициянын уюшулган кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн начальнигине чалып, өзүнө чакырды. Чоңдор чакырганда милийса дегениң «атка жеңил, тайга чак» болуп чыга келишет. Кубанычбек бир тамеки тартып бүткөнчө гражданча кийинген подполковник анын кабинетине кирди. Кубанычбек эпилдеген немени жылуу кабыл алып, чакырган жөнүн түшүндүрдү эле тиги:

– Андай шантрапалардын далайын көргөнбүз, баштарын жулуп албасам элеби, – деп ашыра күпүлдөп таштады, анан кошумчалады, – өңгөлөрдөй көргөн го сизди. Бүт журт сыйлаган адамга наезд жасаган кандай болорун көрүшсүн!.. – Подполковник ырасында эле ишке тың болчу. Бирок милийсалык милдетинен керт башына сөзсүз бир нерсе өндүрүп алар эле. Бу шаардын лөктөрүнүн бири өзүнүн министри менен да, шаардык милиция начальниги менен да дурус мамиледе экенин небактан билет. Оңдой берди болуп жанагы рэкеттердин да чыга калганын карабайсыңбы! Алардын эсебин тапса, анан муну менен жакшы болуп алса, кызматың да, наамың да биринен сала экинчиси келип атып жүдөтпөйбү.

***

Баскан жолун турмуштун туура жолуна эмес, баткак, ыпыр-сыпыры илээшкен, мүдүрүлмө жолуна салып алган неменин аты – Касым. Түбү жакшы жаралган жан. Жолу таза кезинде райкомдо зыңкыйган кызматкер болчу, а жердин бир бөлүмүн башкарып, «о, а жигит далай жерге жетет» дешип парткызматтын эң чоңунан ыйгарып турушчу. Анан мына-мына облуска көтөрүлөт деп жатканда кубаттуу өлкөнүн таш-талканы чыгып, компартияңдын коон үзгөн чалча кадыры болбой калды. Аны кой, коммунист дегениңди береги эле салпэтек катынга чейин көчүккө тээп, сөгүп калган учур келди. Касым ишсиз калды. А кезде кумайыктай жойлогон парттөбөлдөрдүн бир даары бизнес деген немесине кирип, алып-жулгандарын ачыкка чыгарып жүгүртүп, дүнүйө кууп безип кетишти, түлкүдөй жойлогон дагы бирлери жаңы бийликтин өкүлдөрүнө «силерди небактан күтүп жүрдүм эле, эркин заман деп эңсегеним келди, эми эл үчүн накта күчүмдү берейин» деп дале болсо бараандуу кызматтарды ээлеп калышты, депутат болду, министр болдук. Былыгы да, чылыгы да аралашкан а турмушту эр болсоң айтып көр, айтып аягына да, агына да жете албайсың.. .

Касым томсоргон райборбордо жыл чамасы бош жаткандан кийин соода кылган бир-эки теңтушун көрүп, алардын жолуна түшмөй болду. Биринен олчойто акча алды. Соодасы болбоду, куулук-шумдук аралашпаса соодаңдын болбошу нак экен. Жыл айланбай заңгыраган үйүн алдырып, аялы, эки баласы менен айылдагы атасынын үйүнө келип тыгылды. Ак көңүл жандар жамандыкка бат алдырат, бат эле алдырат. Адамдыгынан жыдыган күндөр көбөйдү, кез-кези ичкен арагы бат-батка өттү. Таң заардан туруп шимшиген көзү-башын сылагылап самогон сатчу коңшу катындын дарбазасын күндө какчу мезгил да келип жетти. Бу ичкилигиң кудайдан да кудуреттүү көрүнбөйбү. Кээ бир көпкөн немени каргашат го аялдар «кудай эсебиңди таап калсын, кудай кууратып салсын» деп. Андан көрө «арак, самогон эсебиңди таап калсын. Арак, самогон кууратып салсын» десең каргыш жетти дей бер. Антип ким каргаганын ким билди, төрттөгү улуу баласы биринчи класска барганча Касымдын тамтыракайы чыгып калган. «Баланча күнү ичип койдум эле» деп айтчу кеби эми «түшкө чейин тумшукка бирдеме илинбей жүрбөдүмгө» өттү. Адеп көчүп келгенде сыйлашчу айылдаштары эми өздөрүн сыйлатып, аны кем тутуп калышкан. Кыргыздын тең жарымына берилчү «алкаш» деген ат ага кыт куйгандай орноду. Наалаты, өңүнөн көз тайгылчу Бермет деген атына жараша заты бар аялы күйөөсү менен кошо ичип, ичкенде да жоолугу желкесине, көчүгүнө анан жерге түшкөнчө, дамбалы шыпырылганча ичип, мугалимдик иши тарых болуп калды. Балдарынын жүргөнү бар-жогу эсеп болуп-болбойт.

Экөө чогуу жүрөт. Тытыша кетет, уруша кетет, ит жебегенден ой-да жешет, андайлар аларда кеңири, бири жок боло калса экинчиси тозокто болот, сагыныша кетет кургурлар. Мына эми ошол экөө эки баланы жетимиштен небак өткөн Касымдын энесине таштап, биз кеттиктен эч айтпай чоң шаарга баса беришкен. Бу шаарга келип бапырап жашагысы бар.. .

Касым атасын көмгөнүнө жарым жылдай болгон. Көмгөнү да курусунчу, ошондо бүт айылга абийири кетпедиби. Атасы өмүр бою колхоздун малын багып, ал десе алып, төлө десе төлөп келген момун адам эле. Чөнтөгүнө акча салып соода-сатык кылган жан эмес, баарын кемпири билчү. Кийин бирин-экин малына көз болуп жүрүп, жалгыз уулу кызматсыз, үй-жайсыз, оозунан ашаткы жыттанып келгенден кийин ооруп-сыркабай эле «момун өлүм» таап кете берди. Ошондо жакын туугандары Касымга кеңеш курса, анын бир эле акылы бул болду: «Ар табакка экиден таза арак коюлсун». Муну уккан атасынын иниси жарылып кете таштаган: «Оозуңа кара таш, айбан! Ушу сага кеңешкен биз да келесоо экенбиз. Ой, кайсы бетиң менен айттың ушуну?!» Ошол сөздөн кийин ал агасы Касым менен кеңешкенди койду. Агасынын өз оокатын өзүнө жумшап турду. Касым куурагырың атасы үзүлгөндөн баштап көңүл айткан бөтөлкөлөштөрүн кыйган жок, көзү ачылбайт. Жаназа окулуп, Касымды сөөк башына тургузушту. «Атам кандай киши эле дегенден үч ирет айтасың» деп. «Атам» дегенди айта албай койду, тили күрмөөгө келбейт, өңгүрөп ыйлап жиберди. Эл дал болду. Ошондо атасынын иниси тура калып, «агам кандай киши элесин» айтты. Дароо табыт көтөрүлүп, жайды көздөй жол алганда Касым темтеңдей чуркап, көтөрүп бараткан алдыңкы баланын ордун тартып алды: «Келе, өзүм көтөрүп барам». Муну балдырап араң айтты. Эки аттадыбы, үч аттадыбы, оңкосунан кетти! Ага арткысы мүдүрүлдү, табыт кулады. Тозоктун сүрөтү тартыла түштү. Табытты карылуу жигиттер бат эле көтөрө коюшту. Алардын бири жерде оонап жаткан Касымга каны кайнап, тополоңдо байкатпай тээп өттү эле, дал тумшукка тийген экен, самогондон чогулган кан мурундан дирт этти. Мурдун жанып алды. Кечээ бир жеңелери берген бет аарчысын таппайт, колу менен, чапанынын жеңи менен аарчыйт. Тургузган эч ким болбоду. Дүбүргүп кеткен топтун артынан темселей басып, атасын небак жашырып куран окулуп жатканда барды. Топурак сала албай калдым дегенчелик кылып чокчойтулган топурактан уучтап кайра чачты. Тууганы да, башкасы да жүрү деген жок, топтун артында келип боз үйдүн түбүнө чөктүшө отурду. Атасын жоктоп ыйлаган болот. Мындайда бир-экөө келип «кой-ай» дейт го, антип расми жасаган адам болгон жок. Тээ биртопто барып ордунан туруп, табакка отуруп жалана эт жеп чыгышкан эки-үч досун көздөй басты.. . Касымдын бул окуясы башкарма болуп он беш жыл иштеген Жанаалынын катыны бухгалтер болуп ошончо жыл иштеген Касымаалы менен кармалганча айтылып турду, анан Касымдын аңыз кеп тиги ойноштукка орун берип тынды.. .

***

Макан булар менен он күнчө бирге туруп калды. Азырынча башка барар жери деле жок болчу. Иш издеген болот. Кайдан табылды.

Бир күнү «Бардар» базарын аралап, сандаган адамдардын агымы менен наркы-терки оолжуй басып жүргөн эле, бир үн селт каратты:

– Макан!

Үн чыккан жакка бурула берип, армияда чогуу кызмат кылган жакшы курбусун көрдү.

– Токенсиңби?

– Ии, анан ким болмок элем, – бойлуусунан келген бу каратору жигит Маканды капшыра кучактап, айтаарга сөз таппайт. – Туй ата, сени бу жерден кезиктирем деп ким ойлоптур. Амансыңбы, барсыңбы?..

– Өзүң кандайсың?

– Кандай болмок элем, баары ойдогудай. – Айткан сөзүнүн калпы жок көрүнөт: кийген кийими, турган турпаты жашоосунун оң экенин айтып турат.

Токен Маканды кой-айга келтирбей чукул эле жердеги мыкты ресторанга колтуктай апкелип, кулжебесин баш кылып, столго тамакты да, аракты да үйдүрүп таштады.. .

Аскерде экөө алгачкы күнү эле ынтымакташып, кетер-кеткенче эгиздердей жүрүшкөн. Токенге бирөө тийишти дегенче балээ башталчу, Макан чоо-жайын түшүнүп-түшүнбөй эле баса калчу тийишкен немени. Токен Макандан он беш күндөй эрте бошогон. Экөө коштошуп жатып, бат-бат кездешип турушарын, атургай бир жерде жашап, иштейбиз деп ушул чоң шаарды чектешкен. Ал сөз сөз бойдон калып, мына эми араң көрүшүп жатышат. Бири-биринен тырнактай сыр жашырышпаган экөө о далайга эзилишти. Токен бу шаарда чет элден азык-түлүк ташычу фирма ачканын, иши жакшы экенин, жанагы базардагы базарком жакын агаларынан болорун, бүгүн базарды шашпай кыдырып чыгайын деп машине айдатпай эле жөө келгенин, кыздуу болгонун, аялы бир жакшы кызматкердин жалгыз кызы экенин, атасы менен энеси кичүү уулу менен жайлоодо экенин.. . баарын-баарын айтып турду. Маканда анча сөз жок болчу. Чоң сөзү ошо болду – бир өлүмдөн калганын майда-бараты менен айтты. Муну уккан Токен аябай жини келип, аларды таап сазайын колуна берерин, акча берсең бирөөнү жок кылыш чыйт түкүрүм эле иш болуп калганын узун сабак кеп кылды. Эртең эле Маканды жайлоодогу ата-энесине жеткирип, бир ай чамасында эс алдырмай болду.

Бу күнү Токен көнбөгөнүнө болбой Маканды таксиге салып, үйүнө апкелип эшик ачып эле кыйкырды:

– Ай, Жакин, кана жайнатчуңду жайнат, кара кулак шер келди, опей, кара кулак деп коем да, сары кулак шер келди.

Ичкериден гүлдүү халат кийген орто бойлуу татына келинчек жылмая чыкты:

– Келгиле.

Токендин үйүнөн Макандын башы айланды. Башы айланганы ошол – үй толо буюм-теримдерден көз тайгылат. Кудай акы, ошондойду өмүрүндө көргөн эмес. Полун баскандан, эшиктеринин туткасын кармагандан уяласың. Беш бөлмөүнүн төртөөндө телевизор, магнитофон, кыргыздар айтмакчы, асты-үстү килем. Ошондой ай, кымбат буюмдардын арасында Макан кичирейип турду. Беш эмес, бир бөлмө тамы жок адамга кыйын го мындайда. Анан тамактарын айтпайсыңбы, далайы ооз тийилбей кетти.. . Аялы да, Токен да Маканды үйрүлө түшүп сыйлады, ашыкча кетишти.. .

***

Эртеси Токен Маканды машинесине салып «Бардарга» апкелди. Суу жукпагандай шылуунунан келген шоопуру базардан түрдүү даам көтөрүп багажникти толтуруп таштады.

Чет элдин машинесинен айланса болот, бат эле Токендин тоо таянган айылына жетишти. Ата-энеси кичүү уулу менен жайлоодо болгондуктан, үйү кулпуда. Жанаша жашаган атасынын инисиникине түшүштү. Анысы барпалаңдаган неме экен учурашып-учурашпай бак ичине аркандалып турган балканактай кызыл козуну туура тартты:

– Кана, Токен, бата кылып койчу, оомийин!

– Ой байке, козуңузга рахмат, биз шашып жүрөбүз. Атама кетип баратабыз. Машине алмаштыралы деп эле келип калбадыкпы.

– Рахматыңды кой, аны козу жегенден кийин айт. Атайын сага арнап жүрсө.. . – байкеси козуну көк чөпкө көтөрүп уруп, мойнундагы жиби менен козунун бутун байлап, нары-бери мууздап жиберди.

Колунда бар үчүн сыйлап жатабы же дил берилиппи, айтор, сыйы сый болуп кынапталат.

Аңгыча эшик алдына аппак «Нива» келип токтоп, аны айдаган жигит машинеден түшүп эле сөзүн Токенге багыттады:

– Токе, буйругуңуз аткарылды, сиздин кызматыңыздамын.

Бу жүзүнөн жылмаю кетпеген жигит Токендин классташы экен. Эртең жайлоого алпарасың деп түндө Токен шопурунан айттырган тура. Өз машинеси тоо-ташка кайдан жүрдү.

Козунун эти бат эле бышты. Таза аба, таза арак, эзиле бышкан семиз этке чыдачу дене барбы, Макандын денеси нымшып, жайдары сезим балкытты, көргөн азабы кол менен сыдырылгандай жыргалга балкыды. Эт желип, колго суу куюлгандан кийин шаардан ала келген тамак-аш «Нивага» салынып, жайлоого бет алышты. Таманынан күргүштөй суу агып, эки жагын карагай, бадал баскан чоң кокту менен үч сааттан ашыгыраак жүрүп, аппак боз үйгө келип токтошту, ага жанаша аскерлерде болчу чоң чатыр. Боз үйгө жөлөнүп жашы жетимиштерден өтүп калган аксакал китеп окуп отурат эле, көз айнегин чечип келгендерди күтө карап турду. Токендер келип салам атып кол алышты, амандык сурашты. Бу Токендин атасы экен, уулун тамашалады:

– Ии, кызыл кулагым, канча адамды алдап келдиң?

– «Кызыл кулак» деген илгери силердин заманда болгон, азыр бизди «бизнесмен» деп коет, канча айтам, ата.

– Деле миң-миллион айтсаң да «кызыл кулак» дейт сендейлерди. Айырмаңар эле ошо – мурунку «кызыл кулактар» чени менен алдачу, а силер ченеми жок алдайсыңар, туура айтамбы, уулум? – деп Маканга кайрылды аксакал.

– Туура, деди Макан сыпайы.

– Көрдүңбү, бу балам түшүнөт экен, баамы туура экен.

– Мында дагы сизге окшогон эски коммунисттин каны бар болсо керек, же өзү албаган же өңгөгө алдырбаган.

– Өзүңөр да алып, өңгөгө да алдырып, ушу силер не жакшылык алып келдиңер, ыя?! Саранчы каптагандай кылбадыңарбы, журт мүлкүн.

– Койдум ата, койдум.. Бу жигитти тааныштырып коеюн, аты – Макан, аскерде чогуу болгонбуз. Сиздин жаныңызда бир аз эс алып кетсин деп апкелдим.

– Мейли, досун эс алдырганга не жетсин, балам. Киргиле үйгө.

Боз үйгө киришти. Алты канат боз үйдүн ичи мыкты жасалгаланган. Боз үй деген ушундай болот деп жип-шуусунун баарын айтып, балдарга сабак өтсө болчудай.

Токендин энеси уулун да, анын эки жолдошун да эңкейте өөп, алкап, бат эле тасмал жайнап, нан-панын койду, кеселерге кымыз куюлуп, кыдыртылды.

Макандын кымыз ичпегени беш-алты жыл болсо керек эле, бир кесени араң түгөттү. Айылдан ичкен арак орун бербей койбодубу, болбосо, атаңгөрү, эки кесени удаа басса кана. Ошол маалда Токендин иниси келди, мал көздөп жүргөн го. Меймандар менен учурашып, энеси сунган кымызды дем албай көңтөрүп, атасына кайрылды:

– Ата, малдын камын көрө берейинби?

– Ии, анан эмне кылмак элең, антпесең чык татырбас Чынарбай экен дешпейби бу шаардыктарың.

Аз өтпөй дале болсо балканактай козу туура тартылып, бата тиленди.. .

***

Тоонун дене көлкүлдөтчү абасы, жеген эт менен ичкен кымыз Маканды бир жума өтүп карууга келтирип баратат, көңүлү ток. Ат минип мал көздөшөт, какшаган сууга чөмүлүп, үйдөй-үйдөй таштарга отуруп курганат, карагай аралап сагыз алат, кулун кармап, бээ саадырат.. .

Токендин атасы – Байкел карыя сөзмөр да, боорукер да адам экен. Ошол аз күндүн ичинде эле Макан аны атасындай көрүп калды. Бир-эки күн анын берген суроолоруна чоркок жооп кайтарып, кебине кептеш боло албай, анан алынып кетти. Карыя кырк алты жыл өз айылында мугалим, завуч, деректир, кайра мугалим болуп иштептир. Жыйырма төрт жашында партияга өтүп, кечээ жакында партияң тарап, белеттери жерге да, көргө да чабылганда аларга кошулбай, ушу бүгүнкү күнгө чейин жүрөк тушундагы чөнтөктөн түшүрбөйт экен. Ары жоктук менен адамдыкты, көпкөнчүлүк менен токтоо-жайчылыктын ажырым-чегин даана сезген адам экен. Сүйлөгөн сөзү өтөгөн өмүрүнө төп келген мындай адам менен Макан биринчи жолу кездешиши. Анын айткан ар сөзүн көкүрөктөн өткөрөт, сыпаалык үчүн угайын дебей, уккусу келип угат. Өз дарамети менен коштогон жерден коштоп, өзүнүкүнө окшобогон ой болсо анысын катпай айтып, айтор, дили бириге түштү. Кагылып-согулуп кайра-кайра тамагы менен кымызын оозуна кармаган Токендин энеси өзү көрбөгөн, билбеген тогуз ай көтөрүп тууган энесиндей көрүндү. Бу бүлөнү жараткан жактырып жаратканбы, Токендин иниси Бекен да жылдызы жүзүнөн куюлат. Кээ бирде куудулдана кетип, Маканга айланчыктап сыйына бөлөйт. Тиги экөө эне-ата болсо, Бекен ини болду Маканга. Кудай берген ини болду. Экөө эки ат минип Бекендин айылда иштеген кызына үч ирет барып да келишти. Баланча кыз менен тааныштырам, түкүнчө кыз менен тааныштырам деп чын дилден асылган Бекенге Макан көнгөн жок. Андайды жүрөк самай элек болчу. Ушу жашка келгени бирөөнү жактырып калган учуру боло элек. Ар адамга эч болбоду дегенде бир ирет келчү ал убак Маканга келбей кечигет.. .

***

Базаркомдун ошол күнү эч нерсеге көңүлү чапкан жок. Эртең менен ичкен арагы адегенде көңүлүн көтөргөнү менен, бат эле машинеси менен базардын өрттөнгөнү жанын жай таптырбайт, көөдөнүндө бурганак, тоңуп барат муз болуп. «Урдум ушул ишиңди» деп айылына баса береби. Анда бир досунан машинага алган акчаны кандай төлөдү, бойго жеткен уул-кызын кантип бүлө күттүрөт. Айылга барганда же мелжеген ишиң жок болсо, же иштетчү жериң менен короо толо малың болбосо, не кылып жанбакты. Тейтектебей эле Кубанычбектин колтугунда жүргөнү жакшы эмеспи. Кантип эле ал рэкеттериңдин эсебин таппасын, өзү деле айтпады беле «эки мүнөттө эсебин таптырам» деп. Жаш балача бат эле мурдуна суу куюлтканы эмнеси, эркек го акыры.. . Ушинтип чыйралды Базарком. Адам ушинтип бат эле чыйралып, анан бат эле бырбыя түшүшү бар. Шартка жараша, маанайга жараша бирде бажырайып, бирде шүмүрөйүп өмүр өткөзмөй.. .

Базаркомду саксактап артында келаткан эки опер ал подъездге кирип кеткенде кайра тартышты. Базарком экинчи кабатка көтөрүлүп калган кезде маңдайынан олбурлуу эки жигит эки жагынан шарт колтуктай калып, бири акырын үн катты:

– Жүрүңүз биз менен.

Базаркомдун өңү кумсарып кетти, муун-жүүнү бошоп, денеси өзүнө баш бербегендей абалда калды. Колтуктагандардын эрки менен баратат. Үйдөн чыгып, жолдун наркы өйүзүндө турган боз иномаркага түшүштү эле, айдаган неме даяр турган экен шуу койду. Базарком эки жигиттин ортосунда отурат, отурары менен башына балдар кийчү кара топуну ээгине түшүрө кийгизишкен, сокур болуп баратат. Жүрөгү түшпөй коебу, түштү. Мындайды Американын далай кинолорунан көргөн, эми кыйнап туруп атып салышат же муунтуп өлтүрөт. Денесин калтырак басат. Биртоптон кийин машине токтоп, дарбаза ачылгандай болду. Машине короого кирип, дарбаза жабылды. Жер там го кебетеси, үйгө киргизишип, креслого отургузуп, топуну чечип алышты. Көроокатка да, кооздукка да керектүү буюмдар толгон азем бөлмө экен. Маңдайкы диванда баягы кабинетине барып мазени алган жигит отурат, жанында дагы бирөө. Өзүн колтуктай келген эки жигит эки жагында.

– Ии байке, келип калыпсыз. Соодаңыз жакшыбы?

– Жакшы, – деди Базарком өлжүрөй.

– Базарыңыз өрттөндү дейби?

– Ии.. .

– Өрттөнсө өрт өчүргүчтөр өчүрөт дедиңиз эле, өчүрө албай коюштубу?

– Өрттөнүп кетти.. .

– А жанагы кароолчу менен коопсуздук кызматындагылар өрттөн сактай албайт бекен, кууп жибериш керек андайларды.

– Кууйбуз.

– Анда кийинкисин ким кайтарат?

Бу суроо жоопсуз калды эле тиги жигит сөзсүз жооп уккусу келет:

– Ким кайтарат дейм?! – Бу жолу суроо өкүм берилди.

Базарком да далайга бышкан, сөз төркүнүн түшүндү да:

– Силер жардамдашасыңарбы?.. – деп ишенимсиз үн каткан болду, суроого суроо-жооп кылып.

– Жардамдашсак болот, – жигит саамга үн катпай Базаркомду теше тиктей олтурду да, кебин улады:

– Кубанычбек Сапаевичке айта барыңыз: базар кайсы акчага салынганын, өйдө жактагы заправка кантип алынганын, беш жерде багылып жаткан отуздай жылкы кайдан келгенин билгендер бар экен деп. Баса, Фатима деген селкисине сатып берген кафенин тизмеси да жүрөт деңиз. Саунадагы экөөңөрдүн жылаңач сүрөтүңөр да бар экен, өз көзүм менен көрдүм дегенди кошуңуз. Азырына жетет. Жетпейт десе, дагы кошумчалайбыз, – жигит жанындагыга буюрду: – Көрсөтчү сүрөттөрүн! – Тиги мурун эле даярдап койгон экен чөнтөгүнөн үч-төрт сүрөттү алып Базаркомго апкелип көрсөттү. Сүрөттү көргөн неме бир ичиркенип алды, жүзү курсун, кудайындай сыйлаган Кубанычбеги дырдай жылаңач катынды алдына отургузуп алган, өзү да дырдай. Экинчи-үчүнчү сүрөт андан да жаман.. .

Базаркомго топусун кайра кийгизип, машинеге салып бир жерден түшүрүп салышты. Түшүрүп жатканда баягы олчойгон жигиттин бири ичке келиштире уруп: «Биз айткан сөздү жашы сиңиресиң» деди да кете берди. Базарком өзөрүп эңкейе берип, биртопто барып оңолду. Тирүү калганына сүйүнөт, кайдагы балээге кабылды эле, кинодогудай.. .

***

Макан чатырайт. Тамак күчтүү болсо, анан көңүлүң ток болсо чытырайсың да. Дем-күчү денесине батпай бараткандай. Токен досу үч-төрт күндөн кийин келем деди эле, келе элек, ишинен бошобой жатат го.

Байкел аксакал экөө көбүнчө чогуу болушат, суу жээктей басышат, карагай аралайт, мал көздөшөт. Көкшиберге төшөк салынып, ар нерседен кеп улап кымыз жутушат. Макандын келгенине ай чамалады, ошол аралыкта карыя төрт козу сойдурду, эттен ооз бошой элек. Маканды кадимкидей таптап турду Байкел карыя.. .

Ошол күнү суу бойлой басышкан. Күн шашке маалы эле. Бир маалда ылдыйраактан эле тарса-турс мылтыктын үндөрү жаңырды. Анан азга тынчып, кайрадан тарса-турс.

– Жүрүчү, бу кимдер. . . . . . жок тарсылдаткан, – деп Байкел карыя алдыга баштай басты. Бир аздан кийин суу жээгиндеги бадал арасындагы ачык жерде бири көк-жашыл, бири аппак эки иномарканы көрүштү. Нараакта беш-алты кыз-жигит котолошот. Экөөнүн колунда эки мылтык. Жол жээгине бөтөлкө тизип, ошолорду атып жатышкан тура.

Байкел карыя тигилердин саламына алик алып:

– Э балдарым, чебердебесеңер мал-жанга тийгизип алып жүрбөгүлө, – деди эле:

– Тийгизээрге мал-жан көрбөдүк го, – деди мылтык кармагандардын бири.

– Эй чал, жолуңа түшсөңчү, ок жаңылбасын, – деди экинчиси, кызымтал экен. – Өлөрүң деле жакын экен, өз ажалыңдан өл, ха-ха-ха! – кыз, эркеги аралаш маашырлана каткырып алышты.

Байкел карыяга бу сөз октой тийди. Антсе да өзүн токтоо кармап:

– Койгула, балдарым, сакалдуу кишини антип мазактаганыңар болбойт, – деп терс бурулду. Алар менен адамча сүйлөшүү болбостугун небак түшүнгөн.

– Эй эшек, эмне деп жатасың, ыя?! – бу Макандын сөзү болду.

Бу сөз багытталган неме туталанды:

– Эмне дедиң, атып салайынбы, ыя?! Энеңди гана урайын, деревня! – деди да, Маканга мылтыгын суна берди.

– Атып сал козелду! – деп бири коштоду, – самтырап, сасып туган немеден аба да жеңилдей түшсүн. Эй портянка, атып салып бут сүртөлүбү, ыя, өлүгүң менен!

Маканга ушул сөз жетет эле, ашып да кетти көрүнөт. Сөздү айткан жигитти качыра берип, ай-буйга келтирбей ыргытты эле, анысы суу жэээгиндеги таштарга барып былч этти. Мылтык сунган неме Маканды атып жиберди. Жөн эле коркутуш үчүн атканбы, ок тийген жок. Ана жетти Макан, жетти да тумшук талаштыра берди эле, ал мылтык-сылтыгы менен оңкодон сайылды. Маканды калган эки жигит качырды. Колу-бутун сороктото бийлеп «кия-киялап» коюшат. Ага караган жок Макан, бири колуна тийди эле анысы сууга ыргытылды. Беркисин качырды. Ал даяр экен. «Киясы» оозунан түз эле көчүккө түшүп, зуңкуюп качып берди. Төртөө менен келген эки кыз алайып «портянкадан» жүрөктөрү түшүп калды. Макан ар жерде жаткан мылтыктарды алып, сууга ыргытты.

Көз ирмемде болгон бул окуяга Байкел карыянын эси оой түштү. Анткен менен катылгандын катыгын берген Макандын курчтугуна ичтен ыраазы.

Төрт жигит төрт жерде турат. Биринен айбат жок. Окуя боло электе кыздарга биринен сала бири кыйын болуп жатса керек, ит эле болушпадыбы, шоркелдейи булайып.. .

– Тезинен жоголбосоңор, баарыңарды сууга агызып жиберем, уктуңарбы, эшектер! – Макандын бул чыт курсак балдарга айтылгандай сөзү тигилерге жетет эле, саксактай машинелерине отуруп, кеткиче шашышты. Үстүндө түр даам, ичкилик жайнаган клеенка ээсиз калды.. .

Байкел менен Макан үн катпай боз үйгө басышты. Экөө тең эмелеги окуяга сарэсеп салып жатышкан. Макан «аша кетип аксакалга жаман көрүнүп калган жокмунбу» десе, карыя «жанагы көпкөн жексурлар өчөшүп калып, баланы мерт кылып коюшпас бекен» деп сарсанаа.

Экөө боз үйдөн берээк салынган көрпөгө отурушту эле Байкелдин байбичеси экөөнө эки кесе кымыз куюп, өз оокаты менен алек. Кымыз жутулуп, Макан мискейдеги кымыздан дагы жаңыртты. Ошондо Байкел карыя жүрөк өйүткөн кебин айтты:

– Жанагы айбандарды эсине келтиргениң туура эле болду. Көпкөн немелер өч алабыз деп бир балээни баштабас бекен? Ошого сарсанаа болуп калдым, балам.

Аксакалдын жаман көрбөгөнүн билген Макан жеңидеп алды:

– Ага санааркабай эле коюңуз, ата. Андай суужүрөктөрдөн корко берсек жашоо болобу? Суужүрөк болгондору үчүн төртөө жүрүп экөөбүздөн чычая качышты го.

Аксакал күлдү:

– Ыя, балам ай-э, ушу араң баскан мени да катарга кошосуң да. Жигити эмес, кыз түртсө да арка-мойнум алдымда калган атпайбы. Муштум соройтчу кез алда-кайда калбадыбы, балам, – аксакал эңкейе шыбак үзүп кармалай жыттады, – ошо каруу бир кезинде да бирөөнө муштум көтөргөн эмесмин.. . Кеп-сөздүн кудурети бар болчу анда. Эми эмне болду? Мээси бөксө чоң муштумдардын заманы келгендей. Башканы кой, ушу биздин кенедей айылда күндө жаңжал, күндө мушташ, «баланча түкүнчөнү тумшукка уруптурдан» кулак тунат. Бу заман каякка баратат, акылым жетпейт. Өкмөт башкаргандарың да, сот менен прокурорлоруң да жалаң акчанын артынан түштү, милийсаң го, турулуу дечи. Бири-бирин өлтүрүп атат, тоноп атат, ким токтотту аны? – Аксакалдын каңырыгы түтөп, кимди күнөөлөрдү билбей турду, анан сөзүн уулуна бурду. – Токенимден да чочуйм. Кеңири жашайт, анысы жакшы дечи, анан ага топук кылбай дүнүйөгө жетеленип калабы деп корком. Дүнүйө-пулуң бир жабышып алса, кайдан кутулдуң?.. Жакшылык беттеген жолу жок болот эмеспи аныңдын. Токенимдин акча тутамдап жүргөнүн көргөн сайын жүрөгүм мыкчылат, балам. Сени да байкадым балам, жигиттигиң бар экен, топуктуу да экенсиң. Токен жакшы досум десең, көз боло жүр. Айта жүр акылың болсо. Кээде аганын сөзүнөн досунун сөзү өтүмдүү болот. Ушул сөзүмдү эстей жүр, балам. Дүнүйө топтогондорду тоногондор да көп чыкты, өлтүрүп да кетишет экен, бала-чакасын да уурдашат экен.. . Жүзү курсун!

***

Дал ошол Макан менен Байкел аксакал кымыз ичип сүйлөшүп отурганда Токендин колуна кишен салынып, бир учу батареяга бекитилип полдо отурган. Бети көк шишик, денесинин кайсы жери соо, кайсы жери соо эмес, билалбайт.. .

Токендин четэлден ташыткан тамак-ашы биерде өтүмдүү болуп, күндөн-күнгө көлөмү көбөйүп, кирешеси артып жаткан. Шаардын борборундагы илгерки бир жоюлуп кеткен мекеменин эски имаратын сатып алып, аны мыкты усталарга оңдотуп-түзөткөн. Кооз жасалгаланып, кимди да болбосун көңүлүн бурдурбай койбойт. Фирмада жыйырмадай аял-эркек иштейт, жакшы табышат. Орношо албай тааныштан тааныш салып жүргөндөр канча дейсиң. Кыскарта чапса, фирманын аты чыгып гүлдөп турган.. .

Бир күнү Токен түшкү тамакка жөнөмөк болуп машинесине келип эшигин ачары менен жакадан жулка тартылып, арткы отургучка күм-жам бүк түштү. Баштан ныгыра басылып, буттар алдында калгандай болду. Машине жөнөп берди. Аз өтпөй үч-төрт жигит Токенди бир бөлмөгө алып келип оң колуна кишендин бир учун салып, экинчи учун батареяга илип кеп-сөзгө келбей тепкилеп киришти. Далайда барып токтошту алар. Анан чыгып кетишти. Токен жарым саатта барып эсине араң келди. Жанчып салышкан экен.. .

***

Базарком Кубанычбек Сапаевичке болгон окуяны айтып, сууга түшкөн чычкандай шөмтүрөп отуруп берди. Шефинин дүйнөсү куурулуп, сиркеси суу көтөрбөй турган. Маңдайында жазылган гезитти тиктейт. Өзү жөнүндө олчойгон макала чыгып, эмнелерди жеп-ичкенин чогуу жүргөндөй жазыптыр. Кудайдан коркпогон журналисттер иштеген а гезитти мурун эле жаман көрчү, эми өрттөп жибергиси бар. Сотко берсе былыгы ого бетер чукулат, жазган немесин жайлатып салса, а шүмшүктөрдүн экинчиси чыгат, бу да туура эмес жол. Макала аз келгенсип, эми рэкет деген немесинин чыкканын карабайсыңбы! Ушуларды ойлоп калчаган болуп Базаркомго:

– Бар, кете бер. Жанагылардын айтканына көнүп тур, – деп орой бурк этти да, өзүнчө сүйлөнүп койду, – азырынча ошенте туралы.. .

Ошондон жума өтпөй Базарком алгачкы долларларды кымгуут көчөлөрдүн биринен баягы жигиттердин бирине карматты, бу шүмшүктөрүң сомуңду албайт экен. А кезде а шүмшүктөрдүн да чатагы күчөп турган. Баягы Базаркомго келип соодасын сурап, крыша болобуз деген жигитти Базарком анабашы деп ойлойт. Бирок андай эмес болчу, ал анабашынын тың жигиттеринин бири эле. Анабашы болсо бир чоң фирманын барандай президенти болуп, ар түрдүү салтанаттарда төрдө отуруп, Ак үйгө чейинки жыйындарга катышчу. Ошол Ак үйдөгү бир белдүү кызматкердин кыйбас адамы болуп, анын жардамын көрчү, капчык толо долларды анын колуна карматып турчу. Анын фирмасына караган бу шаарда да, башка шаарларда да майда фирмалары бар. Алардын жетекчилери өзү айлап-жылдап кураган шылуун жигиттери, өлтүр десе да, өл десе да «эмнеге?» деген суроосу жок аткарчылардан эле. Тээ ишинин башында ошол тобу менен мен деген бизнесмендерди биртоп соруп-соолутуп, рэкетчилик кылып, кийин акча батпай баратканда ушул фирмасын ачып, эми арам акчалары адалданып жүгүртүлүп жаткан. Жигиттери болсо анабашынын шилтөөсү менен майлуу жерлерге ортоктош болуп турчу. Жанагы «Бардар» базарынан өндүрө баштаган жигиттер бир биргадасы, тыңдарынын бири. Кызыгы, анабашыны топбашчылары эле билет, катардагы камчы болчу, балта болуп чабылчу жигиттер тааныбайт да, билбейт да. Анабашы отурган фирмада алты жигит ар кызмат аткарган болот, бу сыртынан караганда, ал эми алардын негизги милдети анабашынын эң маанилүү, коркунучтуу тапшырмаларын аткарат, эпке келбеген бизнесмендер кырсыкка кабылат, жок болуп «дайынсыз» деп милийсанын тизмесине катталат, ар-ар топторундагы жигиттери күнөө кылса, милдетин так аткара албаса, же моюн толгогон кенедей аракети болсо, бу алты жигити дароо эсебин табат. Далай дайынсыз шейит болгондордун ээси ушулар. Анабашы килейген фирма башкара электе куулук-шумдугуна дене күчү келишкен беш жигиттин башы болчу. Өзү менен алтоо болуп, кылбаганды кылышпадыбы. Баары бирден-экиден түрмөгө түшкөн болуп келишкен. Канча жылга кессе да, жыл айланбай чыгып келгендерине таң калбай көр! Көрсө, таң калышыңдын деле кажети жок көрүнбөйбү, акча баарын чечип коет тура. Бу жарык дүйнөдө акчанын кудурети Алланын кудуретинен ашып түшпөсө, алды кемибеси бар экен. Асманга чыгарган да акча, жерге киргизген да акча Башкасын кой, атасын өлтүртүп, энесин саттырган да акча. Ошондой балакет!

Анабашыны Ром дешет. бала кезинде «Сырдуу арал» деген китепти окуп, ал аябай жагып, көп кайталап окуган. Ошондо бир каракчынын: «Өлүктүн сандыгында он беш адам, ой-хой-хой бир бөтөлкө ром» деген ыры эсине бекем орноп, кези келсе да, келбесе да ырдап кайталай берчү. Бирөө кезигип «эмне алперейин?» десе, «өлүктүн сандыгында он беш адам, ой-хой-хой бир бөтөлкө ром» деп койчу. Тиги неме бу жалаң ром ичкен неме го деп ойлонгуча: «Эй, ала бер, градус болсо болду» деп койчу. Ошентип жүрүп, «Ром» атка конгон. Азан чакырылбаса да, Ром аты түбөлүк калды, тааныштарынын баары Ром дейт, Роке дешет. Ал эми жыйындарда Муканбет Кутманович болуп чакырылат.

Ром кенедейинен эле шылуун өстү. Бирдеме саттырып алгысы келсе, же акча керек болсо атасына алеки саатта алдап койчу. Уялган эмне экенин, аны эмне менен жээрин да билбесе керек. Мектебин бүтүп мал догдурдун окуусуна кирип, жакшы бүтүрдү. Бирок, бир күн да малын дарылаган жок, шаарда көрүнгөн актип чалыш жумуштарда иштеген болду. Анан бир ирет карыз бербей койгон чала таанышын оңкойто коюп, акчасын капчыгы менен тартып алып, ошондон баштап төтө жолго түшкөн: тартып алмай, зордуктап сурап алмай. Ромдун курчтугу бар, ага кошумча күрөшкө, каратэге катышып, жараткан берген олбур денесин мыкты кылып алган. Эки-үчөө жабылса бучкагына келтирбейт. Ушундай неме. Кеч үйлөнүп, кыркка чыккан неменин эки эркегинин алды биринчи окуйт, кичүүсү үчтө. Аялы эч жерде иштебейт. Эзели эт салбаган үйдө өскөн неме экен, Ромдун таап келгендерин басып, эки күндүн биринде бешбармак кылып жеп атып, чочкодой семирип алган. Суудай агып келип жаткан акча кайдан келип атат менен иши жок, аны кантип коротом менен алек. Адегенде сулуулугуна аябай суктанып, өлүп-талып сүйүп алган Ром азыр торопойдой тоголонгон неме менен анча деле иши жок, биринен бири өткөн ийинден эле бут кеткен сурайылдай сулуу эки көңүлдөшү бар, көңүлдүн, көкүрөктүн эсеп-чоту ошолор менен. Экөөнө эки квартира алып берген, эки бөлмөлүү. Кезеги менен конуп кетет. Ромдун толгон таржымалынын чети ушундай.. .

Бу чоң шаарда кримдүйнөнү жалгыз Ром кайдан бийледи. Мен дегендердин дагы төрт-бешөө бар. Ал эми буура булчуң көпкөн жаш жигиттердин топтору канча дейсиң. Алар Ром сыяктуу кримдүйнөнүн акулалары менен түздөн-түз таймаша албаса да, акырын азууларын көрсөтүп коюп жатышкан убак, булар ал дүйнөнүн эрежелерин билбейт, билгиси жок. Мына ошондой топтордун бири жалаң спортмектепти бүткөн балдар тобу «Бардар» базарына бир күнү «куда түшүп» келишти. «Крыша» болгонго.

Базарком кабинетинде болчу. Карп-күрп кирип келген сомодой төрт жигитти көрүп, дагы кайсы башкесерлер болуп кетти деп жүрөгү опкоолжуй түштү. Буларың накта көпкөн немелер экен, тебелеп-тепсеп эле төргө өткөндөй болушту. Кресло, стулдарды дыркырата тартып, Базаркомдун столуна жакыныраак отурушту. Анан бири баштады сөзүн, баштаганда да, Кудай урганың орой баштады:

– Ии, абышка, ал кандай? Катынга жарап турусуңбу, ыя?! – Муну айткан неме көзүндө жакшылыктын эле эмес, деле эчтекенин нуру жок, бети табактай, денеси жарылып кетчүдөй тасырайып, Базаркомдун алдындагы тамекисинен бирди алып, шашпай күйгүзүп, анан күл түшүргүчтү алдына тартып, түтүндү үйлөп турду.

Бу чоң шаарда кримдүйнөнү жалгыз Ром кайдан бийледи. Мен дегендердин дагы төрт-бешөө бар. Ал эми буура булчуң көпкөн жаш жигиттердин топтору канча дейсиң. Алар Ром сыяктуу кримдүйнөнүн акулалары менен түздөн-түз таймаша албаса да, акырын азууларын көрсөтүп коюп жатышкан убак, булар ал дүйнөнүн эрежелерин билбейт, билгиси жок. Мына ошондой топтордун бири жалаң спортмектепти бүткөн балдар тобу «Бардар» базарына бир күнү «куда түшүп» келишти. «Крыша» болгонго.

Базарком кабинетинде болчу. Карп-күрп кирип келген сомодой төрт жигитти көрүп, дагы кайсы башкесерлер болуп кетти деп жүрөгү опкоолжуй түштү. Буларың накта көпкөн немелер экен, тебелеп-тепсеп эле төргө өткөндөй болушту. Кресло, стулдарды дыркырата тартып, Базаркомдун столуна жакыныраак отурушту. Анан бири баштады сөзүн, баштаганда да, кудай урганың орой баштады:

– Ии, абышка, ал кандай? Катынга жарап турусуңбу, ыя?! – Муну айткан неме көзүндө жакшылыктын эле эмес, деле эчтекенин нуру жок, бети табактай, денеси жарылып кетчүдөй тасырайып, Базаркомдун алдындагы тамекисинен бирди алып, шашпай күйгүзүп, анан күл түшүргүчтү алдына тартып, түтүндү үйлөп турду. Мурункулардан чочуп калган Базарком бу айбандын сөзүн ок тийгендей кабыл алганы менен, акаарат келтирүүгө дарманы жок эле, алсыз болчу. Туруп берди тултуюп, таарынып эмес, коркуп.

– Ай, абышка, эми сени менен эзилишип отурганга убакыт тар, иштеги жигиттербиз биз. Анын үстүнө сен бийкеч эмессиң да эзилишкидей. Короче, эмдиги жуманын ушул күнү быссымылда деп миң доллар камдап кой, мобул жигит алып кетет, – деп жолдошторунун бирин көрсөттү да, ордунан туруп, тартып жаткан тамекисин Базаркомдун жалтыр столуна басып мыжыга өчүрүп, акыркы сөзүн айтты, – камдабасаң, катын кылып салабыз, козел!

Тигилер кеткенден кийин Базарком далайга отурду башын мыкчып, жини кайнап, кайра коркунуч басып, дене калтырап Кубанычбекке айтабы, же берки «крыша» болуп аткандаргабы. Мына эмесе деп тапанча сатып алып долларга келген немесин чекеге басып, барчу жерине барып берсечи? Болбойт, анда катын-балдарынын көргөн күнү не болду, түрмөдө өтчү өмүрчү?

Секретаршасынан коопсуздук кызматынын чоңун чакыртты. Ал келгенде жемелеп кое берди:

– Ай, сен иштейсиңби же иштебейсиңби?! Бул жер эмне, көрүнгөн кире берчү ажатканабы сага, ыя?!

– Эмне болду, байке?

– Эмне болду дейт! Атаңдын башы болду!

Тил уккан жигит айтышкан жок, айтышса эптеп илинген акчалуу ордунан ажырап калбайбы. Жана көпкөн немелер киргенде бу жигит «кайда барасыңар?» деп сураганда бири жоопсуз басып келип мойнун кайыштырап кармап койгон: «Оозуңду бас да, көчүгүңдү бек кыс!» деп. Сомодой немелерге жооп кайтара албай, чын эле көчүгүн бек кыскан. Эми Базаркомго не жооп айтарды билбей кызарып турду. Эң туура жооп – үн-сөзсүз туруп бериш керек, дагы күчөтө сөксө кана.. . Базарком сөккөн жок, кетирип жиберди, ишиңди кыла бер деп.

Базарком «крыша» болуп жүргөн немелердин адресин да билбейт, кайдан тапты. Билсе азыр жетип арызданмак. Ошентип башын шишите оорутуп жатып, бир маалда сүйүнүп кетти, баса десең, эртең аларга акча алпарып берчү күн эмеспи. Ошону эстеп кубанганын айтпа, бекер берилчү акча кубаныч апкелгенин айтпайсыңбы.. .

Эртеси болжогон саатта Базарком оролгон долларды колуна мыкчый кармап аялдамада турат эле, баягылардын машинеси күттүрбөй келип акчаны алып шуу коймой болгондо Базарком машиненин терезесине эңкейе берип сөзүн айтып калууга үлгүрдү:

– Бир балдар келип акча төлө деп жатышат.

Муну укканда машиненин эшиги ачылып, Базаркомду салып алышты. Машине эки-үч көчө өтүп токтогондон кийин Базарком келген жигиттер жөнүндө айтып, эми жардам силерден дегендей муңайым тартты.

– Сиз сарсанаа болбой иштей бериңиз, – айтылган жооп-жардам ушу болду.

Бу жакшы сөз экен, Базарком кечке көңүлдүү жүрдү, ишин жакшы бүтүрдү. Бирок эртеси ойгонору менен көңүлү ачылбады, санаа басты. Эми эмне балакет болот? Ушу жерде атышып-тытышып кан төгүшсө тамтыракайы чыкпадыбы. Кабинетине эрте келди, келип эле сейфти ачып, эки жүздү бир басты, антпесе жан калар эмес. Жарым саат өтпөй «крыша» балдары келип кабинеттен орун алышты. Дагы жарым саатча өткөндөн кийин баягы миң доллар алып кетчүсү бу жарык дүйнөдө сыңар өңдөнө өтө көпкөлөң басып кирип келди да, дароо эле айтты:

– Эй, даярбы?!

– Даяр! – Бул жоопту Базарком эмес, «крышалардын» бири айтты.

Көпкөн неме быш деген жок, калыбынан жазбай жийиркене:

– Сен кимсиң, ыя, салфетка?! Колумду эмес, бутумду аарчып салайынбы азыр! – дебатпайбы.

Даяр турган немелер ошол эле жерден баса калышты. Кудай ургандар, тим эле тырпыратып жиберишти. Көз ачып-жумганча тырпырабай да калды, бети-башы соо болгону менен, кабыргалары оңбой калды окшойт. Ордунан тура абай оонаган немени карап турушту. Биртопто барып араң турду да, Базаркомго ызырынды:

– Сука! Эми өлдүң дей бер! – Бу сөз ооздон чыгып, дагы жеди өпкөгө бир ирет, дале бүк түштү. Бу жолу аны көпкө оонатышкан жок, эки жигит эки жагынан колтуктай жетелеп чыгып кетишти. Мындай караган адамга мас жолдошун жетелеп бараткандай, көндүм көрүнүш.

Жанга коркунуч келгенде, этиң ооруганда келчү коркунуч оңой эмес. Кинолордо тапанчаны чекесине такап же бычакты кекиртекке жанса да тилин тартпай кармашып жатпайбы кай бир каармандар. Кинодо андайлар оголе көп, бөтөнчө америкалыктарда.. . Турмушта болсо андай эмес, коркунуч, жандын таттуулугу жеңип турат көбүнчө. Чыкса чыгар өлүмдөн коркпогондор, бирок алар кинодогуга караганда турмушта алда-канча аз. Ошондой экен жанагы Кудайдан коркпогондой көпкөн неме, сууга салган чычкандай бүрүшүп отуруп берди, бир үйгө апкелишкенде жана «салфетка» деген неме эми өзү салфеткага да жарабай турду бырышып, бүжүрөп. Аны кармап келгендер аз өтпөй ким экенин, бандада канча адам кай жерде турарын, кимдерден акча өндүрүп турушарын, айтор, кызыккан суроолордун баарына опоңой эле жооп алышты, кыйнап-кысташкан да жок. Базаркомдун кабинетиндеги өпкөдөн өпкө калбай тепкиленгени далайга жетип берди, жакшы сүйлөттү. Аз өтпөй бул жерге Ромдун баягы алты жигитинин төртөө келип, бу жердеги төртөө менен сегиз болуп, миң долларды күтүп отурган жашбанда турган квартирага келип звонок басышты, чала жан немесин ала келишкен. Эшик ачылганда келгендер карп-күрп кирип барып, бөлмөдөгү жигиттерди тапанча кезей кыдырата тизип салышты тизелетип. Алар каршылык көрсөткөнгө үлгүрбөй да калышты. Базаркомдун столуна тамеки мыжыга өчүргөн неме гана бир нерсе демекчи болду эле, тапанчанын кундагы кежигеге тийип, тарп этти. Жашбанданын мүчөлөрү көздөрү жалдырай жансоога абалында. Беркилер диван, креслолордон орун алып, башчы жигит сурак сурап турду:

– Ии, шантрапалар, аттарыңарды айткылачы, байкеңер таанышып алсын.

Тигилер биринен сала бири катардагы солдаттардай ысымдарын аташты:

– Алманбет.

– Сыргак.

– Чубак.

– Баатырбек.

– Жаныш.

– Туй ата, бүт эле баатырсыңар го, ыя? Кыргызча жакшы эле билесиңерби, же «киргизсиңерби»?

Бири жооп берди:

– Кыргызча окуганбыз, спортшколдо.

– Анда «жаман иттин аты Бөрүбасар» дегенди уктуңар беле?

Беркилер шылкыйышты.

– Ушу кебетеңер менен кантип Алманбет, Чубак болуп жүрөсүңөр? Силерди чочко же торопой десе жарашпайт беле.. . башчыңар ким?

Баары жана кежигеге жеп эси ооп араң оңолгон немени карашты. Суракчы кебин ошого бурду:

– Эй торопой, энең сени эмне менен баккан, ыя? Орустар көрсө союп, туздап сала кылып жиберет, аларга көрүнбө.

Жолдоштору коштоп кетти:

– Орус эмес, менин деле жегим келип турат, бу чочконун баласын.

– Давай, башын кесип туруп чочконун эти деп базарга өткөзүп жебиребиз.

– Сасык экен деп алышпайт го.. .

Бир тарап каткырат, экинчи тарап сумсая титирейт, жүрөк канайт. Мындайда айла жок болот экен, болсо мазактагандарды бишкектеп, колу-бутун тирүүлөй үзүп, отко кактап жибербейт беле.

Сурак жүргүзгөн неме эми шылдыңын токтотуп, олуттуу айтты:

– Бу жолу жаныңарды өзүңөргө бердик. Экинчи жолу бизге кезикчү болбогула, уктуңарбы?!

– Уктук, – дешти шөмтүрөгөн немелер.

– Уксаңар ошол! – Сурак салган жигит ордунан туруп жашбанданын башчысын ээктен ары тепти эле, ал чалкадан түшүп, чала өлүккө айланып турду.. .

Тигилер кетип калышты. Чыгаарда бир-экөө глушителдүү тапанчалары менен октору түгөнгүчө туш-тушка атып кетишти. Люстра, эңгезердей күзгү, гарнитур шкафтарынын айнектери бырын-чырын чыгып жатып калды. Тизелегендерди жандай да октор учту, баштарынан өлүм айланды.. .

О далайда барып эсин жыйган немелер бири-бири менен үн катпай өйдө туруп, ар кимиси ар кай жердеги диван, кресло, стулдарга отурушту. Бешөө беш жерде шылкыят. Башчысына тил кирди:

– Кимдер булар?

Долларга кетип чалажан колтуктанып келген неме күңк этти:

– Билбейм.

– Билбесең эмне ээрчитип келдиң, ыя? – Деле кой, тигилер кетип, эми мунун тирилгенин карабайсыңбы! Долларга кеткендин жини келди:

– Кимдер экенин өзүң эмне сураган жоксуң?!

Башчы жигит жооп бермекке обдулуп барып кайра токтоду. Тырнактай болсо да уяты келди. Эми эле тизе бүгүп коркунуч кейпин кетирип салган неме кайдан жулунмак.

Бу жашбанда азырынча жалаң кара күчүн колдонуп, бирин-экин кафелердин, дүкөндөрдүн ээлерин торойто чаап өндүрүп турушкан. Атайын жол-жобосу жок, муштумду гана туу туткан эргулдар эле. Эми көрүштү, накталарды. Не болгон күндө да «Бардар» базарына барбасы бышык. Башка жерге барганда аябай сак болушат эмеспи.. . Анткен менен рингде да, көчөдө да далайды бир урум менен жыкчу лидер жигиттин ич күптүсү ичинде. Ыңгайы келген учурда аларды тизелеткенден жаман кылам деген ою көкүрөгүнө орноп турду.. .

***

Ана-мына дегенче Макандын тоодо эс алганы бир айдан өтүп кетиптир. Ошончо өткөнүн эстеп, өзүнчө уялып да алды. Килейген жигит бирөөнүн үйүндө колоктой конок болуп жүрө бериши уят эмеспи деп эми эсине келген Макан абышка-кемпир менен кучакташып коштошуп, атка минди. Бекен да атына минип, айылга чейин жеткирип, шаарга каттачу автобуска салып жиберди.

Макан түз эле Токендин үйүнө келип шыңгыратты. Биртопто барып, аялы Шакиндин үнү чыкты: «Ким?» деген. Анан келген ким экенин билгенден кийин эшикти ачты. Баягы жаркыраган кебетеси жок. Көздөрү шишип, чачтары тарак көрбөгөнүнө көп болгондой. Жакин Маканды ашканага киргизип, термостогу чайдан куйду. Ал-абал сурачу түрү жок.

– Сага эмне болгон, Жакин, тынччылыкпы деги?

Жакин жооп ордуна буркурап ыйлап жиберди. Макан айласы кете сооротоюн дейт, не кылып сооротту? Көптө барып бышактаган Жакин иштин жайын түшүндүрдү:

– Токенди уурдап кетишти.. .

Үч уктаса түшүнө кирбечү кабарды уккан Макан дал болду.

– Эмне болуп уурдап кетет, ким уурдаптыр, эмнеге?

– Кимдер экенин айташмак беле. «Мен барымтадамын, иштеги балдарга айтып элүү миң доллар камдап кой» деп өзү телефон чалган он күн мурун. Ошондон бери кабар жок. «Милийсага барбагыла» деген, – Жакин кайра буркурайт, – акчасын даярдатып койгом, отурам ошол бойдон кабар күтүп. Телефон чыр десе эле чуркайм, башкалар болуп чыгат. Эшиктин коңгуроосунан жүрөгүм түшөт. Жинди болуп кетмей болдум. Деги Токен аман-эсен болсо экен, – Жакин кайра эле ыйга жеңдирип, көз жашын аяган жок.

Макандын айласы кетет, «кой, ыйлабачы, баары жакшы болот. Кудай сактасын!» дегенден башка колунан эмне келет. Токен кай жерде жатканын билсе эмне, уурдагандардын ташын талкан чыгармак, күлүн додо кылмак. Жакинди кантип соороторду билбей, өзүнүн алсыздыгына жини келе, биртопко тиштене отуруп, анан келип турарын айтып үйдөн чыкты. Жакинджин жанынан чыкпай отурса деле болмок, бирок Токени жок үйдө кантип отурду.

Көчө бойлойт. Токен маңдайдан чыкчудай ойлонуп коет. Ою бир жерге токтобой, бут баскан тарапка кетип баратат. Бир маалда бири-бирисиз тура албаган Касым менен Бермет эске түштү. Байкуштар эмне күндү көрүп жүрүштү экен. Алардыкына келди. Короого түз кирип «Касым байке» деп үн салды эле, даяр тургансып Касым атып чыкты:

– Ой-бо-ой, кел, кел. Баягы бойдон экинчи көрбөйм го дедим эле, сендей жигиттердин келип турганы биз үчүн сыймык. Ырас, убагында келбедиңби, кир үйгө, – Касым Маканды колтуктай үйгө киргизди.

Ким келгенин көрүп Бермет ордунан атып туруп Маканды беттен өптү:

– Амансыңбы, оорубай жүрөсүңбү?Эмне мынча жоголдуң? Кана, төргө өт. Жаңы эле бир чыныдан чай колго тийгенде келбедиңби, жакшы адамдар ушинтип тамак ичилерде келет.

Дасторкон үстү толо тамак экен, салат экен. Аны көргөн Макан ичинен ыраазы, анысы өзүм жейм дегени эмес, булардын тамагы кеңири болгону үчүн, аларга убаа караганы үчүн.

Бөтөлкөсүз отурушмак беле, бар экен. Касым үч стаканга теңдеп куюп жиберди.

– Кана, Макан иним, денсоолук үчүн, аманчылык үчүн алып жиберели.

Экөө ичип, Макан ичкен жок, азыр бу самогон эмес, арактын опсузунан берсе да ичмек эмес. Эрди-катын биринен сала бири кыйнап, жакшы тилек, жакшы сөздүн далайын сууруп чыгышты эле, ичпеди. Берки экөө дагы кайталашты. Аларга көптүн кереги жок, жүз граммдан оогондо эсебин таап-таппай калышат. Экинчи стакандан кийин бири самогонду күчтүү экен деди эле, экинчиси анча деле эмес деп каршы болду. Ал сөз «сен ит, мен итке» өтүп, андан соң Касым тура калып аялын жаздым тээп алды, Макан ортого түшө калбаса не болмок, ким билди. Касым аялына жулунуп, чала-була согумуш этпесе анча деле сабап жиберчү мүнөзү жок. Атургай ошо жаза-буза кол шилтегенден кийин «ка-ап» деп аялына ичинен боору ооруй калат, анысын айтпайт.

Баягыда Макан кеткенден кийин бул экөө жашылча-жемиш алып сата башташкан экен. Таң заардан туруп дүңү менен сатып алып, анан жайып соодалашат. Ошо таң заардан сатып алгандарын үйүнө апкелип, анан шашпай чай-пайын ичип алып чыгышат экен базарга. Бүгүн кечирээк калышыптыр, кечээ соода жакшы болгон дешет. Жакшы болгону ошо, жүз сомдой табышыптыр. Ушулардын баарын угуп Макан:

– Аз-аз чыдасаңар, жакшы иш таап берем, – деп айтып салды.

Бу сөз жөн гана ооздон чыгып кетти. Буларга эмес, өзүнө иш таба элек неме аша кетти көрүнөт, буларды жакшы көргөнү ошенттирип ашепке сөзгө айдады көрүнөт. Тигилер жөн айтылган сөздү жөн эмес кабылдап, көңүл мөлт эте кабылдап беришти, жан бергидей ыраазылыгы өңдөрүнөн бажырайып, сан рахматы ооздорунда эле.. .

Ошол күнү Макан Касымдыкына конуп калды. Тигилер базарына кеткенден кийин бир аз жатып, жатканы да курусун, Токендин абалы мазесин алып турду. Анан шашпай базарга келип, бир жараган баштык сатып алып ичин тамак-ашка толтурду. Баягыда Акелең берген акчадан бар эле. Анан калса Бекен узатып келгенде «менин атыман бир дуулап коюңуз» деп албаганына болбой акча берген.

Кечинде үй ээлери кечирээк келди. Келип эле ооздору ачыла таң калды, анткени Макан бөлмөнү мизилдете тазалап, дасторкон жайып, үстүнө түрдүү даамды коюп, эттүү кылып куурулган картошка плиткада ысык бойдон турган экен. Экөөнүн көзүнө дароо урунганы дасмалдын дал ортосунда коюлган арак менен шампан болду. Экөө не сөз айтаарын билбей, чексиз ыраазы, жүздөр жайнайт.

– Бу сен.. . – Касым андан ары сөзүн таппайт. Аялы коштойт:

– Сен тимеле.. . – анын сөзү да бүтпөдү, аябай ыраазы болгондо ушинтип сөз табылбайт.

Отуруп шашпай тамак жешти. Бу саам Макан кошула ичти, беркиден. Көп сөз сүйлөндү, бири-бирине белгисиз окуя-кептер айтылып, дагы да жакын болушту. Касым менен Бермет Маканды ого бетер жакшы көрүп, ага багыштаарга сөздүн мыктысынан, жылуусунан тапай убара. Макан да булардын жакшы адамдар экенин айтып отурду. Тээ түндүн бир оокумунда гана жатууга кам көрүштү. Ушу жолу Макан бир нерсени терең түшүндү – жараткан адамды адамдыгы менен кошо жаратса убактылуу бузулуп кетүү, ошол адамдыгынан тайыта албайт экен. Баары бир көрөңгөсү калганы калган. Касым менен Бермет дал ошондой адамдардан эле.. .

Эртеси Макан эрте туруп, жарым саат шашпай басып Токендин үйүнө келди. Келсе, Жакиндин көңүлү ачык, дароо сүйүнчүлөдү:

– Токен түндө телефон чалды.

Макан да кубанып кетти:

– Эмне дейт?

– Бүгүн акчаны алпарып берем.

– Кимге?

– Аны эч кимге, эч качан айтпашым керек экен, сен таарынба, Макан.

– Эмнеге таарынайын. Токен аман-эсен болсо болду.

Макан Жакиндин чай ич дегенине көнбөй, нан ооз тийип үйдөн чыкты. Сыртка чыгары менен бир ой аны ээнбаштандырып салды. Ой уланды, ырас эле Жакин акчаны кимге берерин көрүп, алар кай жерге кетерин аңдыбайбы, жок дегенде акчаны алгандын өңү-башын эстеп калыш керек. Ушундай чечимге келген Макан Токендин үйүн алыстан акмалап эки сааттай наркы-терки басты, балдар ойночу аянт четиндеги орундукка отурду. Бир маалда Жакин пакет колтуктай үйдөн чыгып, эки жагын элеңдей карап, өкмөттүк бир катар мекемелер, министрликтер жайгашкан борбор тарапты көздөй келатат. Жакин ошол туштагы чакан паркты аралай басканда бир жүдөгөн жигит аны жандай берип бир нерсе деди да, аялдын колундагы пакетти шып алып, салып-уруп жөнөп берди. Макан анын артында. Тиги пакет алган неме элдин аягы үзүлбөчү килейген универмагдын жанынан өтүп, анын нары жагындагы аялдамага барып отурду. Эл көп. Убакыт өтүп жатат. Ошондон кеңири бир эт бышым өткөндөн кийин анын жанына дагы бир жүдөгөн жигит отуруп, экөө сүйлөшө кетишти, тамеки тартышты. Эми пакет беркинин колуна өттү. Ал пакетти колтугуна кысып, кайра универмагды көздөй басты. Анан машинелер кымгуут көчөдөн өтө берип, жолдун четине чыкканда бир «Жигули» келип токтоп, андан узун бойлуу жигит шамдагай түшүп, жанагы жүдөгөн неменин колтугундагы пакетти жулуп алды да, машинеге түшүп кете берди. Макан үч-төрт метрдей эле жерде келаткан эле, жигиттин жаагындагы качандыр пайда болгон тырыкты даана көрдү. «Жигулинин» номурун караганга да үлгүргөн жок, шашып калбадыбы. Макан жол жээгинде каз-катар турган менчик таксилердин бирине чуркай отуруп:

– Байке, тетиги «Жигулинин» артынан калбай айдаңызчы, – деди.

Шоопур элүүлөргө барып калган шамдагай неме экен, машинесин ары-бери оталдырып, светофордо турган баягы «Жигулинин» артына түштү. «Жигули» анча деле алыс кеткен жок. Үч-төрт көчөдөн кийин токтоп, баягы пакет алган арыкчырай, узун бойлуу жигит түштү. Машине кетти. Макан таксиге акчасын төлөп, рахматын айтып, а да түштү. Пакетчен жигит тамеки күйгүзүп шашпай басты. Да бир аздан кийин жан чөнтөгүнөн сотовый телефон сууруп, бирөөнө чалып сүйлөштү да, телефонун чөнтөккө салып бир аз баскандан кийин көгүш иномарка келип токтоп, жигитти салып кетти. Макан жанталаша номурун карайт. Түндөгү жааган жамгырда айыл аралаганбы, номуру баткак, аягында «В» деген тамга гана чала көрүнөт.

Макан ошол тушта бир азга басып жүрүп, анан Токендин үйүнө келди да, жаңы эле кирген Токендин үстүнөн чыкты. Экөө кучакташып көрүштү. Баягы Токен жок, өңдөн азган, илмийип араң басат. Жакин жүрөт күйпөлөктөп, бышактап. Бат эле столдо тамак жайнап, чайга отурушту. Окуяны Макан сурай албай отурат эле, Токен өзү баштады:

– Макан, менин абалымдын чет-бучкагын уккан турбайсыңбы. Ошондой болду. Жандын таттуулугун, бүлөңдүн баалуулугун жакшы түшүндүм окшойт. Адамдар айбанга айланып баратыппыз. Далай шумдукту угуп жүрчү элем, эми чет-бучкагын өз башыман өткөрдүм. Адам баласы айбанга караганда алда-канча жырткыч, ачкөз, мыкаачы болуп жаралганбы деп да калдым.. . Табылган акчаны гана эсептеп, анын бар-жогуна карай кубанып же кайгырып өмүр өткөзөт турбайбызбы, – Токендин тамашакөй, ак көңүл мүнөзү кайдадыр кайткыс кеткендей сезилди Маканга. Аны коштоп жооткотчу сөз таппай, тапса да ыгын келтире айта албай бушайман. Токен он күндөн ашуун көргөн кордугун жашырбай айтып отурду.. .

Баягы кармап кеткенден кийин кишендеп, батареяга байлап, эч себебин айтпай эле күндө эки маал тепкилешип, бир маал алдына бир бөлкө менен бир бөтөлкө суу коюп кетишет. Үч күнгө чейин нанынан ооз тийбей, суусунан экинчи күнү иче баштайт. Төртүнчү күнү бөлкө жегенге аргасыз. Курсак деген балакетиң баш бермекпи, келе деп турганы турган. Ошончо күндөн бери нан, суудан башка эч нерсе беришкен жок. Бир жума өткөндөн кийин бири кепке келди. Кеби ушу болду: «Эй, эшек, сени сөздү жакшы түшүнсүн деп дурус эле «таптадык» окшойт. Эми табыңа келдиң го дейм. Бу жерден катын-балаңа кетем десең, аларыңдын өлүгүн көрүп анан өзүң өлбөйм десең, жүз миң доллар менен кутулсаң болот». Токен анча сумма жок экенин айтты эле, тиги элүү миңге токтоду. Токендин фирмасынан мындай сумма табылат, бирок алардын баары сейфте эмес, жүгүртүлүп жатат. Эмнеси болсо да аялына телефон чалдырышты, милицияга билдирсе, эмне болорун да жакшы түшүндүрүштү. Токен кай жерде жатканын, кимдер тепкилеп турганын билбейт, маска кийип киришчү бөлмөгө.

– Эми мындан ары баары ушуну менен чыгып кетсин, – деп Макан тилегин айтты эле, Токен:

– Муну менен чыкпайт го, – деди Токен. – Акча дегениң балээнин баарын ала жүрөт тура.. .

Ошонун эртеси Токен бүлөсүн алып, келбей турган болгон Маканды көндүрүп тоодогу атасыныкына келишти. Токендин ата-энеси да, иниси да анын көргөн кордугу жөнүндө таптакыр кабары жок эле. Уулунун кейпин көргөн ата-эне аябай чочуп турушту. Эне дегдеңдей суу алып чыгып уулунун башынан тегеретип чачты. «Ооруп айыктым» деген уулуна багыштаган түлөөгө кой мууздалды.

Токен телефон аркылуу фирмасындагылар менен байланышып, бардык ишти тактап, тапшырмасын берип, бир жумача эс алып кетмек бу жерде. Макан экөө карыш басса чогуу жүрүшөт, өзүнүн да, ата-энесинин да колунда бар, каалаган тамактары алдыда. Сыртынан көңүлү ток көрүнгөнү менен, Токендин ичи бороон, көргөн кордугу, кеткен акча анын жанын кайдан тынчытты. Алсыз, бечара болуп, итке жасагандан да жаман мамиле жасап, жигиттик намысын каалагандай тебелеп-тепсеп кордошподубу. Бул ишти ушу менен эле унута албайт эле, бүт өмүрүн сайса да аларга жооп кайтарыш турулуу.

Бир күнү эки дос эртең мененки тамагын ичип, коктуга түшүп суу бойлошту. Баягы мылтык атып көпкөн немелердин клеенкасы калыбында турган экен курт-кумурска үйүлөт. Аны көргөн Токен жини келип алды:

– Айбандар, ичкен тамагын да жыйнабай кетишкен экен.

– Жыйнаганга үлгүрбөй калышкан, – деди Макан, – үлгүрсө деле жыйначулардан эмес болчу.

Аны кайдан билесиң дегендей, суроолуу караган досуна Макан болгон ишти айтып берди эле, ал аябай ыраазы болуп, кайра-кайра сурайт. Анан туткунда жатканда да, бошоп келгенден кийин да тынымсыз ойлоп турган маселесин айтып турду:

– Макан, сен мени чыныгы досум деп жүрөсүңбү?

– Анан калп эле демек белем.

– Башыңа кандай иш түшпөсүн, мени сатпайт белең?

– Ал эмне дегениң? Мени бирөөнү сатат деп уктуң беле? – Макан таарына кетти, – оң сүйлөчү, эмнени айткың келибатат?

– Мен сага жаманчылык кылсам эмне кылар элең?

– Эмне кылмак элем, ит экен деп кете бермекмин.

– Менин мындай оюм бар Макан, жаман көрбөй түшүнүп уксаң. Бул сөздү азырынча сенден башка бир дагы тирүү жан укпашы керек.

– Кулагым сенде, – деди Макан суу жээгине спорттук күрмөсүн сала отуруп.

Токен да кийип турган күрмөсүн чечип алдына салды да, Макандын маңдайына отуруп, Макан чыдамсыз күткөн кебин айтып турду:

– Мен бизнеске өтүп анча-мынча анын үзүрүн көрүп дегендей, дүнүйөдөн башка эч нерсе көрбөй, ойлонбой бараткан турбаймынбы. Уучуң акчага толуп турса, башка оюңа келбейт экен. Ошол акчаны дагы кантип көбөйтөм деген ойдон башка. Анан күндө тепки жеп, ага жооп кайтарууга ал жок, өлүм санап, бу көрөкчө өлүп калсам эмне деп, намыс жанды кыйнап турганда акчаң ай-талаада калат экен. Дал ошондой абалда акчаң кыкка татыбайт тура. Эми ал жөнүндө сайрай берип сени тажатпайын, Маке, ток этер жерин айтайын. Мен азыркыга чейин жасап келген ишимен кайтпйм, бизнестен дегеним. Дале акчанын арасында болом, ага көз арткандар күндөн-күнгө көбөйөт. Дагы уурдап, кол салып, өлтүрөбүз дегени чыгат. Ошондуктан сен башында турган бир жакшы топ түзсөмбү дейм, куралчан. Кандай дейсиң?

Макан ойлонуп отурган жок, досу эмне десе да көнмөк, дароо макулдугун айтты:

– Мен макулмун.

– Рахмат сага. Чынын айтсам, андай балээңди кой, достугубуз жай эле болсун деп коебу деп чочудум эле – Токен Маканды колдон тарта тургузуп, кучактай далыдан таптады, – шерттешкенибиз ушул болсун! Эми эң негизгисин айтайын, кордогондорду сөзсүз табышыбыз керек, бүт өмүрдү жумшасак да табышыбыз керек. Алардын тынч жашоого акысы жок, таптакыр жок, түшүндүңбү?!

– Түшүндүм. Алардын бирин тааныйм.

Селт эте калган Токенге Макан аларды аңдыган окуяны төкпөй-чачпай айтып берди.. .

***

Бир күнү Токенди эне-атасы, бала-чакасы менен бир кокту нараак конгон жайлоолошу чакырды. Ал кенедейинен актипчалыш тың чыгып, кызматы башкармага чейин жетип, оокаттуу жашап келген адам экен. Аялы өзүнөн жыйырма жаштай кичүү, өңдү да, тилди да Кудайым аяган эмес экен, тим эле чаң жукпайт. Үй ээси анын тескерисинче, кеп-сөздү эби менен айталбаган, бир балбырбы, далбырбы, айтор, оозунда он ооз сөзү жок сөлөкөт сымал көрүнөт. Аялынын айтканын өзү айткансып коштоп, баш ийкеп отурат. Дасмал шаарда чоңдорду күткөндөй даярдалыптыр. Мындайда белгилүү – тамакты дасмалга жайнатканы чакырылган меймандар тое жеп кетсин, ыраазы болсун дебей, кыйын экен десин, колунда бар экен десин, ичтери күйсүн деп даярдалат, мактаныш үчүн ошентет бир топтору. «Мобу салаттан алсаңар, чучуктан жесеңер, чесногу азыраак болуп калганбы, «Ак сууну» коюп, «Арашанды» ичиңиз» деп үй ээси аял дасторконго коюлгандарды баса белгилеп сыйлап отурду. Эмне болсо да бу аял баралында башкарма болгон неменин мойнуна минбей эле, түптүз төбөсүнө чыгып алганы көз ирмемде байкалды. Бир сыйра чай ичилгенден кийин Токен менен Макан сыртка чыгышты, тамеки тартышат эмеспи. Сыртта самоордун экинчиси коюлуп, ага бойго жетсе да ашка жетпегендей арык кыз отун салып жатат. Макандарды көрүп кымырылып-кымтына калда да, угулар-угулмаксан кылып саламын айтты, анан боз үйгө катар тигилген чатырга кирип кетти. Кызды узата караган Маканды көргөн Токен:

– Ии, көзүң тешилгенче карадың го, биротоло куда түшүп кетелиби, ыя, бала?

– Карагандын баарына куда түшө берсең, калың төлөй албай жүрбө, – деди Макан күлүп.

– Сенден эч нерсе аямай жок, кудайга тобо, каражат жетет. Буюрса, менин каражатымсыз эле өзүңкү жетчү мезгил аз калды, – бул сөздү Токен тамашасы жок айтты, өзүнө иштетип алса, акчадан кем кылбайт эмеспи.

Экөө наркы-беркиден сүйлөшүп турушту эле, жанагы кыз чатырдан чыгып самооруна дагы барды. Боюн ката уяла кыймылдап самооруна от салды да, чатырга кайра кирип кетти. Бу жолу Макан аны даана көрдү. Арыктыгын биринчи көргөндө эле байкаган, эми купкуу болгон өңү, кайгынын нуру чачырагандай көзү даана байкалды. Атургай басканы да айласыздай. Ушундай баам кылды Макан.

Макандын кыздан көзүн албай караганын да бир ирет байкаган Токен:

– Жакшы кыз, – деди Маканга акырын, – аты – Нестан. Багы ачылбай жүрөт. Кептин баары энесинде дешет го.. . Энеси өгөй, – Токен сөзүнүн аягына чыккан жок. «Үйгө киргиле» деп иниси чакырып, боз үйгө киришти.

Маканды улам каратып жаткан кыз ырасында эле жакшы деп тамшанта айтылчу кыздардан. Бирок, жыйырмадан өтүп калса да, же окубай, же турмушка чыкпай жүрөт. Анын өзүнчө сыры бар. Ал абалга өгөй энеси жеткирген.. .

Нестан 2-класста окуп жүргөн күз күндөрүнүн биринде энеси каза болду. Нестандан улуу бир агасы небактан шаарга кеткен, ошол жактан чоң окуусун бүтүп, үйлөнүп, үй-жайлуу болуп, ошол жакта жашайт. Атасы менен деле иши жок, эки-үч жылда бир келип-кеткен болот. Экинчи агасы энеси өлгөндүн кийинки жылы окууга кетип, андан ары армияга барып, ошол бойдон дайыны жок. Сибирь жакта бир жерде иштеп жүрөт экен, орустан аял алыптыр, балдары бар дешет. Атасы аялы өлгөндө башкармадан түшкөн мезгил болчу. Бирок, өмүр бою үйүнө жакшы ташыган неме аялын жакшы койду, керилте эстелик жасатты, ашын берди. Андан аз өтүп ушул аялды алып келди. Күндө сан ирет эркелетип, айлана кетип турчу апасынан айрылган секелек кыз талаада калгандай болду. Өлүм эмне экенин терең болбосо да түшүнүп калган неме ботодой боздоп жүрүп энесин тирилте алган жок. Анан бир күнү үйүндө шыпылдаган аял пайда болуп, атасы аны көрсөтө: «Неки, эми бул сенин апаң болот, тилин алып, айтканын кылып жүр» деди. Жаңы аялына «Бу жалгыз кызымды балаңдай көрүп бак, энесин жоктотпо, уруп-сокчу болбо» дегенден айткан жок. Көкүрөгүнө келген жок, көкүрөгүн аялы өлелекте эле ушул аял ээлеп алган. Нестан үчүн эми азаптуу күндөр башталды. Жаңы апалуу болгондун үчүнчү эле күнү ошол аялдан шыпыргы менен чокуга жеди. Короодо жүрөт эле, кошуна аял келип, «апаңды чакырып койчу» дебейби. Нестан үйгө кирип, «сени чакырып жатат» деди эле, үй шыпырып жаткан неме: «Ок, селейип калган өлүгүңдү көрөйүн шерменде, апа дебейсиңби, ыя?!» деп шыпыргы менен эки-үч курдай башка чаап-чаап алды. Кыз чаңырып жерге отура калды. Эти да ооруду, эч качан апасы шыпыргы эмес, кол менен чапкан эмес болчу. Жаңы «апа» чаңырган кызды баса калып оозун кайыштыра кармады: «Үнүңдү бас, тим эле мууздап салам!» Кыз жомоктогу мастан кейипке келе түшкөн аялдан жүрөгү түшүп калды. Тып басылып, үнүн чыгарбай солкулдады. Аял кызды беттен кабелтең кармай чымчып, дагы айтты: «Үнүң чыкчу болсо мууздайм, уктуңбу?! Ушул жерде жылбай отур!»

«Апа» сыртка чыкты. Кошуна аял чаңырган кыздын үнүн даана угалбай кулак түрүп турат эле, сурады: «Э, аяш, Нестан ыйлап атабы?» «Эмнеге ыйласын, телевизорду туурап жатат го. Үйдү үч көтөрүп бийлеп атат. Күндө ошентет, бала эмеспи, оюнга тойбой турган мезгили да» ушинтип жанын жеди. Кошуна аял да ыраазы, «ырас, мээримдүү аял көрүнбөйбү» деп ойлоп койду.

«Мээрими» эми гана башталган. Кенедей немеге эмнелерди гана кылбады. Карышкырдай көз карашы Нестанды калтыратып турганга он эле күндүн ичинде жарап берди, заар тилин соймоңдотуп, колунда эмне болсо уруп жиберет. Аял ордунан козголсо Нестан жалтактай башын калкалай калчу болду. Атасы эмне, анын көбүн билбейт, билген күндө да төшөгүн жылыткан бу катынга айтар акаараты жок эле. Ошол шыпыргы менен башка жеген күнү Нестан керээли-кечке ыйлап жүрдү, үнү жок көз жаш сыбызгыйт. Кечинде атасы бир жактан келгенде короодогу кызынын кебетесин көрүп, «бу сага эмне болгон?» десе, кызы буркурап берди, шыпыргы менен жегенин, мууздала турганын айтты эле, атасы таш жүрөкпү, башынан чала сылап: «Кой, ыйлаба, апаң экинчи урбайт, анын тилин алып жүр да» деп, ошол замат кызынын абалын шарт унутту, үйгө шаша кирип телевизор көрүп диванда жаткан аялын беттен сүйүп кучактайт.. .

Күндө таяк жеп, курсагы тойбой, оюндун көбүнөн дайым куру калчу кыз баары бир тың, зээндүү өстү. Өң-келбети айтылуу сулуу болбогону менен тыкан, токтоо мүнөзү, назиктиги ошол сурайылдай сулуу кыздардан жогору көрсөтөт.

Кийин эс тартып калганда ойлогон, өзү гана бапестеп багып жүргөн бир ою бар эле, мектепти бүтөрү менен бул үйдөн кетет, үйүнөн эмес, бул үйдөн кетет. Анткени бул үй небак эле өз үйү болбой калган, баягы аял ээлеп алган. Адегенде келгенде жыл чамасы үйдү тазаламыш этип жүргөн неме, кийин ал түйшүктү Нестандын мойнуна илип таштаган. Бар түйшүк кыздын мойнунда. Аял болсо бети-башын эбегейсиз боеп, кийбегенди кийип, кээде күйөөсү менен, көбүнчө өзү жалгыз мейманчылап кетет, төркүнүмө барам деп. Кайда жүргөнүн сураган жан жок. Дептер, калем алыш Нестан үчүн өзүнчө коркунучтуу окуя, тилди аябай угуп, токмогун жеп, анан ээ болот, өп-чап. Атасынан сурабай калган, бир-эки ирет сурап көрдү эле, «бар, апаңан ал» деген ал. Ошентип Нестандын тилеги бар – үйдөн кетет. Баса, бир ирет агасы шаардан келгенде Нестан эчкирип-эчкирип биртопко аны кучактай ыйлап, бул аялдан көргөн кордугун айтты эле, агасы соороткон болот: «Кой, ыйлаба мен ага айтайынчы, экинчи урба деп». Бир тууган өңдөнүп боор тартып, жалгыз карындашы үчүн күйбөгөн бу неме атасындай эле тоң экен, карамүртөз экен. Күтүп жүргөн агасынан да көңүлү калды Нестандын.

Нестан онду бүтүп, окууга кетем деп кам уруп, эски-уску кийимдеринен дурусурагын тандап, эптеп жанагы шаардагы ташбоор агасынын үйүнө жетип алмакка атасынан акча сурады эле, ал каапырың адатынча «апаңан сурачы» деп сөз бүтүрдү. «Апасынан» акча сураш Нестан үчүн тозок да. Сурай албай үч-төрт күн өткөрдү. Анан бир күнү сурады эле, балээ башталды, акча бермек тургай, акесин таанытты жер-жеберине жетип: «Өлүгүңдү гана көрөйүн шерменде, окугандан кетесиңби, ыя? Окуганың азыр оңбогондой акча. Аны сага ким таап берет?! Атаңдын пенсиясы атаңдын башына жетеби, дагы курсагың тогуңа сүйүнсөң. Окуунун балакетин албай, көчүгүңдү беш жеринен кысып, кыңкылдабай үйдө отур!» деп ой-да жер-жеберине жетип ыйлатып тынды. Бүт оокатты жасап, күңдөй кызмат кылган немени кайдан кетирсин. Анын үстүнө окуп-чокуп алса баш бербей кетиши мүмкүн. Кийин тың күйөөгө тийип алса, экөөлөп келип өзүн үйүнөн кууп чыкпайбы.. . Ушулардын баарын ойлоду бу катын. Бу жаш неме үйдөн качып кетпесин деп кечинде абышкасынын койнунда жатып айтты: «Нестаның окууга кетем дейт, кой де. Эмдиги жылы окусун, расход камдап берем де.. . » Аялынын сөзү эки бобогон неме эртеси кызын көндүрдү, эмдиги жылы окуганга.. . Короо толо малы, керектейм десе каткан толтура акчасы туруп, карачечекей кызын окууга жөнөтпөй койду атасы.

Аял Нестанды окууга жибербей эле жөн калбастан, дагы бир балээни – кыздын бүт өмүрүн коштоп турчу балээни ойлоп турду.. . Аялдын аты – Сонун, ошондонбу, «сонун» оюн мындайча ишке ашырды.

Бир күнү Сонун солкулдай кийинип, килтилдей басып, айылдагы автобус токтоочу жайга келди. Төркүнүнө барып келмек. Ошол жерде турат эле бир зоңкойгон жигит салам айтты, кызымтал экен:

– Эже, амансызбы?

– Аман. Ай Жаныш, бу жерде эмне кылып жүрөсүң, ыя?

– Жүрөм. Жолдош баламдыкына келгем. Эки күн болду, кетип баратам.

– Мен дагы колукту издеп келген го дебатпайымбы.. .

– Колукту издеп убара болмок белем, алар мени издесин, ха-ха-ха.

Бу зөөкүр чалыш жигит Сонундун айылдашы эле, алыс туугандарынан да болуп кетет. Жашы отуздардан өткөн неме. Бирөөнү сабап коюп бир ирет отуруп келген. Ичкен-жегени эне-атасынын мойнунда.

Сонундун «сонун» ою дал ушул жерде пайда болду:

– Айылыбызга келип калган турбайсыңбы. Эжем бар эле деп издеп келбесең да, жүрү үйгө, мынча болду үй-жайды көрүп, чай ичип кет.

Ичкени тарай жаздап бараткан неме дароо макул болду. Арак менен сыйлашы ажеп эмес да.

Сонун аны үйгө ээрчитип келип, алеки саатта Нестанга картөшкө куурутуп, бир бөтөлкөсүн ачып, чай берип турду.

– Бу жакын инилер болот, – деди абышкасына, – учураша кетейин деп келиптир. Ырас жолунан чыкпадымбы, кайчы өтпөй. Бу айылда жолдошу бар экен, ага эртең барсын, бүгүн биздикине конуп ал дедим. Эжесиникине конбой кетчүбү, туурабы, Жаныш?

– Туура, – деди тиги. Ага алдыда стакан турса, баары туура болчу.

Сонун күйөөсүнө кайрылды:

– Тур, кийин. Жалгыз шүмшүңдөбөй сени менен барайын деп кайра ойлободумбу.

Сонун күйөөсүн ээрчитип, төркүнүнө кайра жөнөдү. Үйдөн чыгарда сыртка тамеки тартканы чыккан Жанышты жалгыздата айтып калды: «Биз эртең кечирээк келебиз. Өз үйүңдөй көрүп жата бер. Жанагы кызды көрдүңбү, тамырын тартып көр. А балким өзүңдүкү кылып аларсың. Эркек эмессиңби. Эч нерседен коркпо, жообун өзүм берем».

Татына кызды улам-улам карап тамшанып, аңгиси кармап турган немеге Кудай берип салбадыбы. Жүзү жайнай түшүп: «Рахмат, эже. Бир кыздык ал бар» деди. Сүйүнүч-ыраазысы кошулуп. Бу маалда Нестан бейкапар дасмалын жыйнаштырып жатат эле.

Жаныш кечке чейин үйгө кирип-чыгып, эжекеси кеңири таштаган арактан эрмектеп, телевизор тиктей калып, «конок койдон жоош» абалында жүрдү. Анан каш карайганда Нестан алдына койгон тамактан ичип, тамагын ичээр-ичмексен болуп бу күрүлдөгөн немеден тартынып көзүн ала качып отурган кызды кепке тарта баштады. Кыз чолок жооп берет кайдан сүйлөшкүсү келди бу күрүлдөгөн неме менен. Тамак ичилгенден кийин идиш-аягын жууп, тазалап, өзүнүн бөлмөсүнө барып жатты. Тиги үйдө коркунучтуу неме отурса көз илинмекпи, дабыш тыңшап, жүрөгү куушурула сак жатат. Ана бир маалда бөлмөнүн эшиги ачылып, далдайган эркек кирди:

– Карындаш, уктай элексиңби?

«Карындашы» төшөктөн секирип туруп, жуурканын тартып бурчка тыгыла берди. Тиги жакындады:

– Сен эмне секирип кеттиң ыя? Мен эмне, жаналгыч көрүнүп жатамбы сага? Уйкум келбей, сүйлөшүп отуралы десе.. .

Кыз эмне айтарын билбей, ого бетер бүрүштү. Аңги неме эми накта кейпине келди. Кызды колдон алып, өзүнө тартып кучактамакчы болду эле, кыз кулундай туйлай чаңырды. Сөзү жок чаңырык. Зөөкүр немеге чаңырасыңбы, бакырасыңбы, баары бир, кайра күчөп турбайбы. Ийнеликтей болгон үлпүлдөгөн кызда эмненин алы, тырпырамыш этет.. .

Алы жок Нестан далайга кармаша алган жок, аз өтпөй зөөкүрдүн алдында дем алалбай, үнү чыгып-чыкпай аял болуп турду.. . Таң агарганча кыздын боздогону ого бетер денесин ойготуп, зөөкүрүң тынган жок. Качан короздор тегиз кыйкырып калганда бөлмөдөн чыгып, бөтөлкөдө калгандан басты да, ошол эле жерге жантайып, коңуругун жай тартты.

Кыз болсо бүткөн. Тозоктон өтөр жерде жаткан жандүйнөсү. Ботодой боздогондон башка эмне келди колдон? Коргоп алар, күйүтүн кошо көтөрүшөр адамы жок, төшүнө башын койдуруп боздогонун угуп, башынан сылачу апасы жок.. . Кыз ордунан туруп, сөлөкөт болуп сыртка чыкты. Дарбазаны ача берип эсине келе түштү окшойт, аны шарт жаап мал сарайга кирди. Көңүлү карарды, көңүлү тоңду. Ошол жерден бир байлам жип алып, устунга байлады.. .

– Нестан! Э Нестан! – Кошуна аялдын үнү чыкты чакырган. Нестан сарайдан баш бакты, «ыя» деп жооп берген жок. Аялды дендароо карады.

– Э кокуй, сага эмне болгон, ыя?! – Кошуна аял Нестандын кебетесин көрүп чочуп кетти. Бул аял боорукер неме болчу. Апасы өлгөн кызга ар дайым боору ооруп, кай бирде жашырып чакырып чайын берип эркелетип кетчү.

– Эмне болду, кокуй?!

Бул суроо жоопсуз. Кызда үн жок, нуру өчө түшкөн шишиген көзү, уйпаланган чачы, тытылган ич көйнөгү аялга жооп эле.

– Ким сени?.. – Аял Нестанды колтуктай кармап, башын салып сарайды карап, илинген жипти көрдү, аны да түшүндү. Жипти чечип ыргытты. – Атаңдар кайда кеткен? Э кокуй, кайсы шүмшүк.. . бу сени.. .

Местейген, муздай тоңгон кыз аялды жакын сезип кетти, былбырай эриди, эригени курусун, эчкирип-эчкирип ыйлап жиберди. Кызды кучагына бек кыскан аял кошо жашыды. Кызды далайга сооротуп үйгө алып кирди. Кирип эле чалкадан түшүп, оозунан көбүк чыга коңурук тарткан эңгезердей немени көрдү.

– Ушулбу?! – деди аял.

Кыз ого бетер буркурады, баш ийкеген болду.

Аял ачуусуна алдырды, сырткы үйдүн бурчунда жаткан шыпыргыны алып, түз эле уктап жаткан немени беттен ары тартып алды:

– Ой өлүгүңдү көрөйүн, айбан! Зөөкүр! – Аялдын жүрөгүндө жалы бар неме экен, ана бир чапты бакыра ыргып турган немени. – Өлүгүңдү гана көрөйүн доңуз! Түрмөдө чирип өлөсүң, айбан!

Эмне болуп кеткенин эми араң сезип, аялга тил кайрыганга жарап турду зөөкүр:

– Эй, эмне согосуң, ыя?! Жыга чабайынбы?!

– Чап, мына чап! Колуңду тийгизип көрчү, ушул жерден сөөгүң чыксын! – Аял дагы качырды.

Аялдын тайманбастыгы тигинин мизин майтарып койду окшойт, чегине берип:

– Эй, болду деп жатам!

– Болгонду азыр көрөсүң, сасыган дөбөт десе! Азыр көрөсүң! – Аял сыртка чуркай жөнөдү кимдир бирөөнү чакырып келмекке.

Аял кетери менен Жаныш артынан чыгып, куйругун түйдү.

Кошуна аял күйөөсү менен бойго жеткен эки баласын ээрчитип келгенде Жаныш айбандын изи небак сууган. Автобус токточу аялдамага чейин издеп, таппай калышты.

Аял кайра Нестандыкына барып, аны үйүнө жүрү деп чакырды эле тиги таптакыр көнбөй койду, үн-сөзсүз ыйдын байлыгында эле. Наркы-беркини сураса да айтпайт. Чарчаганда кетти аял.

Кечинде Нестандын атасы менен Сонун келди. Сонун келишти, кызуу, көңүлдүү. Сонун өз бөлмөсүндө соолуп жаткан Нестанга кирип эле атырылды:

– Э өлүгүңдү көрөйүн, шерменде? Үйдүн кебетеси эмне, ыя?! Жыйнап коюп жатсаң боюңан түшөт беле, ыя?! Ой өлүгүңдү көрөйүн, бооз катындай болуп жатканын көр! Тур, үйдү жыйнап, тамак жаса, бетиңди жулуп ала электе!

Нестан жаткан жеринен козголгон жок. Сонундун сөзүн уккан жок, ызылдакты гана укту., көндүм тилди гана укту.

Аял баарын түшүнгөн небак. Ичинен кымыңдады «ии, сооп гана болгон тура. Эми окуп көр».

Кыздын ушундай тарыхын Макан кайдан билсин.

***

Эртеси кошуна аял Нестандын абалын билейин деп келип, короодон карп-күрп Сонунга жолукту. Амандашкан соң сурады:

– Э Сонун, Нестандын абалы кандай?

– Абалы кандай дегениң кандай? Өлүм алдында жатты беле, эмне?! Жатат, боозуган катындай болуп. Кыз болгондон кийин эрте туруп, жуунуп-тазаланып, үй оокатын карайт дечү эле.. . – деди билмексен.

Бу жоопко чыртыя түшкөн кошуна:

– Э ботом, өлүм алдында жатат деген ким бар? Кечээки айбан кордоп кетти эле, ошону сурабатпаймынбы.

– Кайдагы айбан? Кимди зордуктап?..

Кошуна аял делдирей түштү. Булар эч нерсени билбейт турбайбы. Нестан жашырынып жаткан го деп ойлоду. Ошону менен сөз бүттү. Чуу чыкчу бул иш да бүттү. Сурап алары жок эселек кыздын колунан эч нерсе келбейт экен. Милийсага арызданат деген кеп Нестандын түшүнө да кирмек эмес. Зордуктаганы аз келгенсип, Сонун какшатпадыбы ошондо:

– Ой, өлүгүңдү көрөйүн шерменде, жалап! Бир келген кишинин астына жатып бергенин, шерменденин. Сени атаңа айтып абийириңди төкпөсөм элеби!

Сөз атасына айтылган жок. Бүттү. Оор, күйүттүү окуя Нестандын көкүрөгүн гана күйгүзүп турган, Сонунга сонун кылган.. .

***

Токен Маканга айткан сырын ишке ашырууга шыр кирди. Фирманын коопсуздук кызматы деп Макан башында турган төрт жигитти тандады. Төртөө тең жапайы спортсмендер эле. Жапайылыгы бул – алар эч бир спорттун түрүнө катышкан эмес, өздөрүнчө темир-тесек көтөрүп булчуң өстүрүп, кенедейинен көчөдө мушташып көнгөн, тийишкенге ылаачындай тийчү жигиттерден эле. Үчөө Токендин айылынан, бирөө алардын биринин досу экен. Токен аларды топтогон күнү эле Макан менен тааныштырып, мындан ары анын тилин эки кылбай аткаруусун катуу тапшырды. Эртеңден баштап Макан менен бу төртөө эрежесиз уруш боюнча тренерден сабак албай болушту. Тренерге опсуз акча төлөнүп турат экен. Биринчи күндөн эле бу бешөөнү жан-дилин коюп машыктыра баштады.

Токендин кириптер болуп элүү миң доллар төлөгөнүн фирмада эки гана жакын адамы билет. Калгандары шеф ооруп айыкты деп калышкан. Бул сумма соода жүгүртүүсү күндөн күнгө өсүп жаткан Токендин фирмасы үчүн өтө чоң каражат эмес болчу. Ал эми эптеп турмуш өтөп жаткан ачка эл үчүн оңбогондой акча эле. Токен эң опуртал иш жасады – Маканга жапжаңы ТТ тапанчасын сатып берди да, катуу суранды: «Бул жөнүндө бир мен, бир сен билесиң. Пайдаланчу эң акыркы саатта алгандай бекем кат». Өзү да бирди алган андай тапанчадан.

Токен тоодон эле Маканга үстү-башыңды оңдо, квартира жалда деп кеңири акча берген. Намыстанып албай турган болгондо Токен ачык эле айткан: «Куру намысыңды кой. Акчаң тутам болсо бербейт элем. Квартира жалдашың керек, фирмага жүздөгөн адамдар келет, мени менен көп жерге барууга туура келет, дурустап кийинип албасаң да болбойт. Мен сага боорум ооругандан бечара деп берип жатканым жок, иш үчүн берип жатам».

Макан квартираны бат эле тапты. Жалгыз бой орус кемпирдин үч бөлмөлүү квартирасынын бир бөлмөсүн ээледи, кемпирге сураган баасын берди. «Мени баб Вера деп жүр» деген кемпир. Баб Вера дейт Макан. Кыргыздын балпайган, ыймандуу кемпирлериндей неме экен, жума өтпөй анын тили эле болбосо орустугу билинбей, чоң энесиндей көрүп кетти, тили туру, дили бир болушту. Тамак-ашын кемпирге апкелип берет Макан, пенсиядагы кемпир болсо керээли-кечке тамак жасоо менен алек, орустун тамактарынан жасап Макандын алдына жайнатат. Анын ичкенин карап, дагы ичсе экен деп кыйнап турат. Орустарда тамак ичкенди көп карабайт, ич эле ич деп да көп кыйнабайт. А бу кемпир болсо кыргызча кылып атпайбы Маканга.

Макан Токен берген тапанчаны өзү жаткан диван-керебеттин жаздык астына салды. Жердин жети катар түбүнө кетчү деле жай жок, анүстүнө шек-шыбаасы жок эле ким аңтара коймок.

Макандардын кабинети Токендин дал маңдайында. Төрт жигит экиден бөлүнүп күн-түнү дежурлук кылышат. Макан болсо ар күнү кечке болот, көбүнчө Токенди коштоп жүрөт. Айтылбаган, жазылбаган телохранители болуп калды окшобойбу. Муну Токен да, Макан да түшүнүп коюшкан. Токен закондоштуруп жигиттерге кароолчу мылтык сатып берди, 32-калибрдеги Макандын кабинетиндеги киши бою сейфте сакташат. Токен дагы, Макан дагы ууру-кескиге, зордукчул рэкеттерге каршы турууга даярдык көрө башташты, жай турмушуна аралаштыра.

Макан кенедейинен китепти үзүлүп түшүп окуйт, кийин колго тийген детектив китептерге кызыга баштаган, азыр атайын китеп дүкөндөрдөн издеп, сатып алат. Гезиттердеги кылмышка байланыштуу жазылгандарды калтырбайт, боевик кинодон санын көрөт. Азыр эмне, телевизорду сайсаң тарсылдаган атышмай, былчылдаган тебишмей. Не болгон күндө да Макан кримдүйнөгө аралашпаганы менен анын заң-закүндөрүн, кылык-жоруктарын жакшы эле билет. Атургай Токендин, жигиттеринин кай бирде сүйлөшө калгандагы сөздөрүнөн бу чоң шаарда кандай рэкеттер, бандалар барынан да кабардар, албетте, толук эмес дечи.. . Макандын ошо күндөрдөгү тилеги эле ушул болду – кандай кыйын, азап-тозогу болбосун, баягы элүү миңди колтуктай кеткен, бетинде тырыгы бар, шыңга бойлуу немени таап, мазасын колуна берүү керек. Андай немелер чардап, кыздардан каалаганын таап ресторандарда, сауналарда сайрандаганды жакшы көрөт. Макан ушуну ойлоп жумуштан чыккан кечтердин көбүн ошондой жайларды шашпай кыдыра берет. Ал жигит бу кымгуут, чоң шаардан табылмагы тозок болду.

Токендин Маканга акыреттик дос мамилеси өз ишин кылып турду. Макан иштегенине жарым жыл өтпөй эки бөлмөлүү квартирага ээ болуп, өз түндүгүнүн астында жашайт. Алган айлыгы мурда түшүнө кирбес акча. Акча баарын жасайт тура, үстү-башы оңолуп, атургай баскан-турганы, денеси кыйла кызды каратканга жарап турду. Баса, Макан төрт жигити менен «Жигули» минишет, керегине жараша. А жетпейт, бу жетпейт менен санааркабай жүргөнү менен, чийки май жегендей түпөйүл ою мазээсин алат: баягы Токенди уурдап акчага туйтунгандардын жазасын бериш керек. Басса-турса көкүрөктөн чыкпаган бул оюн жетиштүү турмушу баса алган жок.

Аскерде полктун штабынан батальондордун штабдарына жашыруун документтерди, буйруктарды ташычу офицерди коштоп жүрчү. Асынганы автомат эмес, тапанча эле. Жумасына бир ирет тирде тапанча атып, көзгө атар болбосо да жакшы атканга машыккан. Эми ошолордун кереги тийчү мезгил келди көрүнөт. Үч-төрт курдай Токен экөө тоонун тереңине кирип тапанчаларын сынап көрүшкөн. Андан көп өтпөй Макандын өтүнүчү боюнча Токен мурунку тапанчасынын ордуна глушителдүү тапанча алып берди. Кайдан, кимден алганын айткан жок, Макан сурабады. Ошол күндүн эртеси эле ал тапанча да сындан өттү, аткан огу «тарс» этпей, кандайдыр бир дүлөй үн чыгат экен. Эми аны ишке киргизүү эле калды.. .

Баягы барымта баасына доллар алган жаагында тырыгы бар жигит табылбады. Бир күнү Макан Токенди үйүнө чейин узатып коюп, өзү дүкөндөн бир аз тамак-аш алып сыртка чыкса, маңдайкы кафеге баягы жаагында тырыгы бар жигит менен Токенде иштеген бир жигит кирип кетишти. Макандын жүрөгү элеп-желеп согуп, бир азга турду да, ал жакка басты. Кафеге кирип чыккандар көп. Азга аярлап туруп ичине кирип, четирээк жерден орун алып, бат эле келе калган официантка заказын берди да, эл толо залга көз жүгүрттү. Жанагы экөө бурчтагы столдо отуруп пиво ичип жатышат. Макан таң калды, тырык жаак жигиттин жанандагыны дагы даана көрдү, ошол, Токендин фирмасында иштейт, шыпылдаган тың жигит. Аты-жөнүн билбесе да, дайым баш ийкеше, кол алыша учурашат. Экөө тааныш экен да. Макан алар тарапты экинчи ирет караган жок. Бат келген тамагын ошондой эле бат ичип, сыртка чыкты. Түз эле Токендин үйүнө келди. Жаңы эле кеткен досунун кайтып келиши Токенди чочутту:

– Тынчыылыкпы деги?! – деди эшикти ача берип.

– Тынччылык эле.

Экөө орун алгандан кийин Макан шашыла келген жөнүн айтты:

– Баягы тырыгы бар жигитти көрдүм.

– Ии, кайдан? – Токен жабыша калды бу кабарга.

– Эми эле кафеден көрдүм.

– Ит болуп эми кайра таппай калат турбайбызбы. – Токен кейий берди эле, досу кебин улады:

– Табабыз. Жанагы бизде иштеген шуулдаган неме бар го, сенден наркы кабинетте отурган, ошону менен пиво ичип отурушат.

Токендин дароо жини кайнады:

– Айбан, ошо кылган экен да!

– Ким эле аты?

– Марс. Агасы жабышып жүрүп орноштурган. Түбү биздин өйдөкү айылдан болот. Илгертен эле шаарда туруп калышыптыр. Айбан десе!.. – Токен жанын коерго жер таппай туталанат, – энеңдурайын жүзүкара, колтугумда жүрүп ошо кылган турбайбы баарын. Өлдүң дей бер!

– Аны мага кой, – деди Макан досун кучактай кысып, – сен таптакыр киришпе.

– Эмне кылайын дейсиң?

– Сен сураба. Азыр да, кийин да, макулбу?

– Болуптур.

***

– Алло, Марс бар бекен?

– Угуп жатам. Бу ким?

– Тезирээк операнын жанына кел.

– Азыр. – Марс ким экенин даана билбесе да трубканы кое ордунан тура жөнөдү. Шектүү жүргөн неме далай былык иштерди бүтүрүп жүргөн досторунун бири экен деп ойлоду.

Тез эле операнын жанына келип, эки жагын элеңдей карап, наркы-терки басты. Дал маңдайында турган «Жигулиге» көңүл бурган жок. Дал ошол машинеден үн чыкты:

– Марс, беркел.

Марс жалт карап Маканды көрдү. Ой токтото албай машинеге келип Макандын айтканы менен анын жанына отурду. Машине ордунан зуу койду.

О далайда барып сурады Марс:

– Кайда баратабыз?

– Азыр билесиң. Жаман эмес, жакшы жерге баратабыз. Ашып кетсе бир саат убактыбыз кетет.

Бул түпөйүл жоопто коркунуч жок болчу. Антсе да Марстын айласы кетет. Машине шаардан чыгып төтө жолдун бирине түшүп, чакан суунун жээгине өскөн топ бадалдын жанына келип токтоду. Макан кириш сөз айтып убакыт короткон жок, Марстын ичке мойнун капшыра кармады:

– Ии, элүү миңден бөлүшпөйсүңбү?

Марс дароо түшүнүп, кумсарып кетти, «кайдагы элүү миң?» деп айтууга кудурети жетпей калды. Ал кыргыз, орус, чечендерден турган бандага сунуш кылган дал ушул Марс болчу. Он миңди колуна таптаза санап алган. Орто оокаттуу эне-атасын кубантып жер алып, эки кабат үйдү тургузуп жаткан болчу, дагы да таап бүтүрөм деп. Марстын көз алдына баары элестеп кетти. Колу-буту шал боло, деми таптакыр кайтты, аябай алсыз болчу азыр. Анткен менен жанталашкан сезим мындайда кубатына келет эмеспи:

– Мени кыйнашып.. . ата-энеңди өлтүрөбүз дешип.. . – деп дароо эле колго түшүп берди. Танса деле болмок. А балким тырык жаак жигит жөн эле таанышыдыр. Буга чейин Макан анын айбандыгына толук ишене албай, бүдөмүк ойдо эле. Эми өзү айтып, кылыгын мойнуна жеңил эле алып жатпайбы.

Макан бандада кимдер барын, кайда жашаарын, аттарын айттырып турду. Айтып жатып токтоло калып жаткан Марстын мойну аттиш кыскандай улам кысылып, этин оорутуп жатты. Таштан суу чыгарчудай кармаган колго анын ичке мойну камырдай эзилбейби. Жанагы жаагында тырыгы бар жигит банданын мыкчыгерлеринин бири экен, өзү адвокат болуп иштейт дейт. Кызыгы, Марс билген бандадагы беш жигиттин тең иштеген иши бар. Бири театрда артист болуп иштегени Маканды аябай таңгалдырды.. .

Макан билгиси келгендердин баарын билдим дегенге келип, машинеден түшүп аны астынан айлана өтүп Марс отурган эшикти ачып, жетелеме абалда отурган Марсты машинеден жулкуй түшүрдү. Үндөгөн жок. Жетелей багажникти ачып каршылыгы жок немени ага тыгып, башына целлофан мүшөк кийгизип, ачкыч салынчу сумкадагы тапанчаны алып, дал чекеге басты. Үн чыккан жок, Марстын башы шалак этти. Анан кан акпасын деп мүшөктү дагы да тарта кийгизип, багажникти жапты да, машинесине отурду. Эми шаарды буйтай өткөн жол менен тескери тарапка айдап, чоң жолдон чыгып жүрүп отуруп килейген каналдын жээгиндеги бак-бадалдуу жерге токтоп, багажниктеги өлүккө килейген гираны байлап, үч-төрт метр бийик жээктен сууга ыргытты. Бир эле кур этип, өлүк жок болду. Макан эми гана карады эки жагын. Муун-жүүнү бошоп кетти. Өлтүргөнүн эми сезди. Жерге отура калып тамеки тартты. Көкүрөгү оордоп, бир нерсе өйкөп турду, башы айланып кеткендей болду. Адам өлтүрүүнүн алгачкы азабы ошентип кыйнап жаткан болчу. Адамды жалаң эле мыкаачылар өлтүрбөйт.. .

***

Эртеси Токен Марсты иш боюнча издетти. Кайдан тапмак. Үйлөнө элек, бир көңүлдөшү менен ошонун үйүндө турчу. Ал жактан издешти. Жок. Төрт-беш күн өткөндө милицияга кабарлашты. Алар дагы бир жумадан кийин издөө жарыялашты.

Ошол күндөрдүн биринде Токен Макандан сөз ортосунда сурап койду:

– Марсты жер жутуп кеткен го?..

– Жутса жутуп кеткендир.

Ошону менен бу маселе бүттү. Токен түшүндү. Марска боору ооруган жок, беркилеринин жок болушун көксөдү. Аларың болсо дал мурунку түнү жок болгон эле.. .

Макан Марсты сууга ыргыткандан кийин беркилердин артынан түштү. Бир күнү алар жаагы тырыктын үйүнө чогулушту. Ар бирин жалгыздатып жайламак болгон Макан дал ушул күнү баарын чогуу бүтүрмөк болду. Кечки саат 9 болуп калган. Күзгө жуук күн кыскарат эмеспи, караңгы кирип калган кез. Макан беш кабат үйдүн экинчи кабатындагы тырык жаактын квартирасынын коңгуроосун басты. «Бу ким?» деген суроо да болгон жок, эшик дароо ачылып, тырык жаакты көрдү Макан.

– Салам!

– Ии, – деди тырык жаак алик алыштын ордуна.

– Мени Марс жиберди.

– Эмне деп?

– Бир ооз сөз эмес, бу жерден айтып кеткендей.

– Жүрү, – тырык жаак эшикти жаап, Маканды баштай басып төркү үйгө киргизди. Бар оокат толо бөлмөдө төртөө төрт креслодо отурат. Ортодо чакан стол, алдыларында ичкилик куюлган рюмкалар. Нараактагы бийик столдо тамактын түрү жайнап, бели ийилет. Карта чаап жаткан түрлөрү бар. Дароо эле кызымтал экендерин байкады Макан. Баары аны карап калып, кебетеси кавказдыкына окшогону тырык жаактан сурады:

– Мунуң кайсы?

Макан анын Марс айткан чечен экенин билди.

– Марс жиберди дейт.

Чечен эми Маканга кайрылды:

– Эй чилиш, эмне деп жиберди аның. Акча керек бекен?

– Жок.. .

– Эй, кое тургулачы, момуну бүтүп жиберип анан угалы, – деди олбурлуу мурутчан кыргыз.

Баары ага макул болушту. Тырык жаак да ордуна отуруп, картасын колуна алды. Ошол замат Макан унутулду. Бака-шака орусча сөз коштолуп, оюнун улантышты. Акчага ойноп жатышыптыр. Макан саамга туруп анан, диванга барып отурду. Арт жагындагы бел кырчоодогу тапанча даана сезилет. Бешөөнү атканча бири эсине келип, өзүн жайлабас бекен. Марстын сөзү боюнча булардын ар биринде курал бар.

Бир маалда орус жигит Маканга кайрыла берип столду жаңсай айтты:

– Эй дос, тетигинден иче бер.

Чыңалып араң турган Маканга ырас болду, ордунан туруп столго барды да, арактан жүздү куюп ичип, колбаса сугунду. Анын ичкен-ичпегени менен эч кимдин иши болгон жок. Картанын, акчанын кызуусунда баары. Макан ордуна барып отурду. Аңгыча жанагы орус жигит «мен азыр» деп туалетке кетти окшойт. Аздан соң Макан анын артынан барып, туалеттин эшигин тартты, ачык экен. Ал эргулуңдун табарсыгы тарсая толгон окшойт, охолоп үн чыгарып сийип жатат. Макан кирип келгенде ал кайрыла берип:

– Сен эмне, ыя? – дегенге араң үлгүрдү, дал чекеге тапанча басылды. Макан кулай турган немени акырын жөлөй жерге бүк түшүрдү. Анан тигилер отурган бөлмөгө келип, ары карап отурган тырык жаакты каракушка, эч нерсени түшүнө электе берки үчөөнү да басып-басып алды. Ок чечендин көкүрөгүнө тийип, креслосунда тыбырай төшүн тытат. Тапанчасын издегени же ок жеген жерин кармайын дегени билинбейт. Экинчи ок дал төбөгө басылды.. .

Макан далайды көргөн киллердей токтоо кыймылдап жана кармаган рюмка менен бөтөлкөнү, туалеттин туткасын салфетка менен сүртүп чөнтөгүнө салды.. .

***

Эртеси бир телеканалдын кримкабарынан «кечээ белгисиз бирөөлөр беш адамды атып кеткендигин, бу кримдүйнөдөгү өз ара разборкалар болушу мүмкүн» деген кабар берилип жатканда Макан Токендин үйүндө экөө тамак ичип жаткан.

– Кыра бергени жакшы, – деди Токен аны көрүп.

– Ооба, – деди Макан аны коштой, – бири калбай кырылса кана!

Токен өзүн кыйнагандарды эстеди:

– Баягы тырык жигитиңден кабар жок да, э?

– Кабар жок. Экинчи андан кабар болбойт.

Макандын бул сөзү эмелеги көргөн окуяга шайкеш келе түшкөндөй болду. Токен кызык болуп кетти. Сурап турду:

– Тырык жаакты тынчыткансың го?

– Азыр көрбөдүңбү.

Токен бир оор жүктү алгандай жеңилдей түштү. Эми эле көргөн окуяны дагы көргүсү келди. Билип туруп көргөндө көксөөсү жакшы суумак.

– Ким менен жасадың?

– Андай ишти жалгыз жасаш керек.

Токен досун кучакка алды. Бекем кысты, ыраазы болуп ошентти. Бул экөө тең боорукер жигиттерден болуп туруп бири алты бирдей адамды өлтүрсө, экинчиси ага ыраазы болуп турду. Телевизор тиктей өз-өзүнчө ойго бастырышты. Жапжаш немелердин өлүмү, артында калгандардын кайгы-муңу келди эске. Бирок алардын баарын өздөрү кылды, жөн жүрүшсө тирүү жүрбөйт беле деген ой жеңип койду. Адам канын мойнуна алышкан жок, жазасы колдоруна тийди дешти. Кызыгы, экөө кеп алышпай, бир ойго бирдей баам берип турушту. Акыреттик достордун ою бир багытта болот тура.. .

***

Марстын өлүү-тирүүсү билинбей он беш күнчө прокуратура менен милициядан тергөөчүлөр үзүлбөй, анан бара-бара келбей да калышты.

Макан бир күнү Токенди үйүнө чейин узатып, кайтып келатып акыр-чикир салынчу челекке жабышкан аял-эркекти көрүп, баягы тытыша кетчү эрди-катын Касым менен Берметти эстеди, машинени алар жашаган тарапка бурду. Кеч кирип калган. Келсе, алар үйүндө жок экен. «Эртең менен келем, кетпей тургула» деген катты жазып эшикке кыстарды.

Эртеси дем алыш күн болчу. Макан сотовый менен Токенге байланышып, бүгүн ал эч жакка барбай тургандыгын, өзүнүн бош экендигин угуп, түз эле Касымдыкына жөнөдү. Катты окуп таң атканча уктай албай, таңдын атышын Кудайдан тилеп чыккан Касым аялы экөө тең сыртта күтүп турушуптур. Машине токтоп, түшкөн Маканды көрүп чуркай тосушту, биринен сала бири кучактап, айтаарга сөз табышпайт теңтайлаша.. . Экөө эки жактан чыгып үйүнө киргизишти. Чай беришти. Экөөнүн кебетеси, дасмалдагы жалгыз нан алардын жашоосунун таптакыр эле начар экенинен кабарлайт. Жер-жемиш сатып жакшы оокат кыла баштадык эле, базарком кууп жиберди дешет. Күнөөнүн баары ошол көпкөн базаркомдо экен. Өздөрүнүн ичип-чычкандары менен иши жок, аны айткысы да жок. Макан экөөнө акча берди: «Ичкениңерди азайтып, мобул акчага тамеки-самеки алып көчөгө стол коюп саткыла. Азыр элдин баары эле ошентип жатат. Анан иш таап берем». Иш таап берем дегени ушуну менен экинчи ирет оозунан чыкты. Биринчи жолу жөн гана аларды жакшы көрүп калганынан айтылган. Бу жолу ойлонуп айтты. Эртесинен баштап бир жерге экөөнү тең орноштурам деп өзүнө да катуу сөз берди.

Коштошуп кетээринде Касым арызданды:

– Баягы сенден балта менен жеген зөөкүр баягүнү дагы келип мени коколоп кетпедиби, энеңдурайын суболуч десе! Мени балта менен чапкан иниңе айтып кой, башын жулам дейт. Атаңдын башын жуласыңбы десем, көзгө бир уруп атпайбы, энеңдурайын! Сенин кайда жашаарыңды билсем, ошол күнү барайын дедим эле.. .

Макан адресин бул эле деп айткан жок. Тигини жооткотту:

– Аны менен өзүм сүйлөшөм. Жакында эле сүйлөшөм. Баш жулганды көрүп алсын!

Макан берген акча экөөнө эки жумага жетип берди. Сатабыз деп алган арак, самогон, тамекилерин өздөрү түгөтүп бүтүрүштү.. .

***

Нестан зордукталгандан кийин кескин өзгөрдү. Тыпыйта жасалган оокаты, күндүр-түндүр окулчу китептери калды. Атургай таптаза жүрчү кыздын кебетеси да жүдөңкү. Мурун Сонундан тилди күн алыс укса, эми күндө он маал угат. Тилдеги бар жаман сөз менен тилдесе да, кабагым-кашым дебей угат, турмуш жалаң ошондой оозго алгыс сөздөрдөн тургандай сезилет ага. Баягы окуйм деген үмүтү да өчө түштү. Муунуп өлөм деген ою да жоголгон. Тамагын ичип, тынбай оокатын жасаган болуп, анан уйкуга кетет. Уктарда дайым апасын эстейт. Ага удаа Жаныш зөөкүрдүн желмогуз элеси тартылат. Жүрөгү түшөт. Мына азыр эшик ачылып, «карындаш, уктай элексиңби?» деп кирип келчүдөй бүрүшөт.

Ошол коркунучтуу күндөн бери далай убакыт өтсө да, короодон чыга элек. Атасы менен Сонунду, анан кез-кези менен келген адамдарды гана көрөт. Мейман чакырылганда ашканадан чыкпай тамак даярдайт, идиш-аягын жууйт. Мурун эле эркек балдардан денесин жыйрып турчу эле, эми ого бетер коркот. Бир адамга бир ирет сөзсүз келчү сүйүү дегениңдин дайыны жок. Ал жөнүндө ойлобой да калган. Баягы онунчуда окуп жүргөндө теңтуш кыздары «баланчадан кат алганы, сөз айтканы» жөнүндө кыткылыктай айтышчу эле. Ошондо үйүндө уктай албай жаткан убактарда элестете берчү. Бир татына жигит өзүн чексиз сүйүп, экөө баш кошуп жакшы жашап, жер кыдырып, Сибирде жүргөн агасыныкына чейин барып.. . Кийин антпей калды, ой-мүдөө, үмүт менен барбай калды.. . Үмүтүндөгү ажайып кооз дүйнө, бактылуу делген жашоо, эч нерсе эбине келбеген көр турмуш, кайгы.. . баары, баары аралашкан. Эй, бирок убакыт дегениң өжөр нерсе, баш бербейт бу адам баласына, кандай жаман иш болсо да бара-бара жууп салат, калса калар өткөндөн анча-мынча өксүк так, аның эч нерсеге жарабай калат. Нестандын өмүр ченеми да өтүп турду, жараткан берген ошол өмүр ченеми четинен короп, убакыт көкүрөктөгү кирди аздап, билинтпей жууп турду. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, ошондой болот.. .

Нестан кез-кези менен ой токтотуп, көп эмес аз өмүрүн дилден өткөрүп алат: окубай калганы, зордолгону, Сонундун бул үйдөгү кордугу, күндө он маал жыттып-жыттап алчу апасы, кызым дебеген атасы, карындашы менен иши жок агасы.. . баарын, баарын эстейт. Жаздыгы көз жашты сиңирип сууланат, жаздыгында тил болсо эркелете сооротмок, жакшысын кийинкиден берсин демек, сөзсүз берет, болгон ишке өкүнүп ыйлап не, түкүрүп кой демек.. . Эмнегедир баягы жайлоодогу аксаргыл жигитти эстеп коет кээде. Татына жигит болчу. Ал кечке карабады беле. Ошондо Нестан кирерге жер таппай калган. Зөөкүрдүн зордугун көргөндөй, билгендей сезип, алар кеткиче чатырдан чыкпай койбодубу. Аны апкел, муну апкел деп Сонун «сонун» сөздөр менен тилдеп, каарып кетип жатса да, боз үйгө экинчи башбакпады ошондо.

Кыш күндөрү болчу. Үч-төрт жылы катары менен бул аймакка кар аз түшүп, эл ошого көнүп баратат эле, бу жылы кар зор түштү. Кар менен кошо береке түшкөндөй сүйүнөт эл, бөтөнчө бала-чака кар мелтеп, тоголонуп, чаналуусу чана тээп, чанасы жокторго үстөмдүк кылып, барктуу болуп, короолорго тоодой кар үйүлүп, көчөгө, огородго ташылып.. .

Оор кар менен Нестадын башына оорчулук түштү. Карды күрөп коесуң, убагында эрип кетет. Ал эми адам башына түшкөн оорчулукту оңой менен кетире албайсың.

Сонун деген шайтан катын Нестанга дагы бир нерсе ойлоп, анысын ишке ашырып турду.. .

Сонундун айылында Кулан деген киши бар эле. Кезинде облуска чейин кызматтарда иштеп, анан акырындык менен жылмышып-шыпырылып отуруп, өз айылындагы мектепке деректир, пенсияга чыгып мугалим болуп, пайгамбар жашына жеттим дегенде таштап, акчанын күчү менен чоң кылып алган пенсиясын өмүр бою пара менен топтогон акчасына кошуп жашап аткан. Аялы тээ жаш кезинде кыз төрөп берип, ошол бойдон согончок канатпады. Ошол кызы азыр борбор шаарда, бала-чакалуу, чет эл менен байланыштуу бир жакшы иште иштейт дешет, айлыгын доллар менен алат экен. Куландын байбичеси жети-сегиз айдан бери төшөктө, колу-буту кыймылдан калып, ичкен-чычканы бир жерде, айылда акча керек айымдар тажагыча багып турушат. Кулан байбичесинин ооруганына кейибегени менен, анын сасып жатканына капа, жек көрөт. «Эркек тукум көрсөтпөдүң» деп айта жүргөн сөзү эми «сасыбай, таза өлбөдүңгө» өткөн. Тобо кыбай, ошентип айтат. Маңдайга жазса төшөктөгү кемпиринен мурун кетерин эске албайт. Эркек туягым жок деп жанын жеп жатканы бир эмес, эки аялдан эки туягы бар. Экөө тең үй-жайлуу. Анда-мында бир көрүп турат. Отуздан өтүп эки бирдей бойдок келин менен жүрүп, суранып, акчасын сапырып төрөтүп алган. Анткен менен ошол эки баласына жакшы каралашты. Арам акча менен адал акчанын айырмасы деле болбойт, бирдей эле керектесе болот экен – арам акчалар уулдарынын окуп-чокусуна жакшы кызмат кылды. Анын эки баласы барын элдин баары билет да, жалгыз аялы билбейт. «Байкушту эркек туяктуу кыла албадым» деп өмүр бою өкүнүп келди. Төшөккө жатып калганы ал санаасы, оңдолбос, ордуна келбес өкүттөрү күчөйт. «Уулдуу болгондо келиним бакпайт беле, эч болбоду дегенде неберелерим кашымда турбайт беле» деген өзөгүн өрттөп да, сүлүк курттай соруп да турчу санаасы чала өлүк абалын ого бетер күчөтөт. Бу аял терең түшүнүгү болбогону менен, дурус жан. Бирөөнө зыяны жок өмүр өтөп келет, күйөөсүнүн катынпоздугун көрбөсө да сезип, ичимтап болуп келди.

Энеси төшөктөн тура албай калганда бакчадан баштап орус тарбиясын көрүп, тилин сүйлөп өскөн кыз эки ирет келип, кеткенче шашты. Тамакты сасык деп ырыскесерленип өскөн неме энесинин сасыгына кайдан чыдады?

Кулан акча төлөп улам бир аялга кемпирин көзөмөлдөтүп, өзү ал жаткан бөлмөгө күнүндө кирсе кирет, болбосо жок. Бу ишсиз, жетишпеген заманда бок чыгарып акча тапкан да табылгыс оокат болубатпайбы.

Ошентип Куландын небактан келаткан жаш катын алуу ою күчөп, ага шылтоо табылып, бойдок, жаш деген аялдарды көңүл сынынан өткөрүп, алар жөнүндө ойлогондо жүрөгү алеп-жалеп согуп, баскан-турганы тың тартып, кан тебе чытырган бети ого бетер чыңалып, казысын азайтуунун жолун издеген болуп, айтор, күйөөлүккө даярданып жаткан болчу.

Сонун андан көп кичүү болгону менен сен деп сүйлөшөт. Илгери өзү эмес, аты кыз кезинде Куланга бир иш менен барып, анын торуна түшкөн, экөө жарым жылдай өтө жашыруун жолугушуп, бүт элге билинип калганда кол үзүшкөн. Анткен менен бири-бири менен жакшы учурашат.

Куландын катын уулап жүргөнүн уккан Сонун бир күнү аны райборбордон жолуктуруп, аманчылык алышкандан кийин эле айтып турду:

– Сени жар издеп жүрөт деп уктум эле, жардамдын кереги жокпу?

– Керек эмей, – деди Кулан купшуңдап, – сендей аялзаты тапкан неме мыкты болбойт беле.. .

– Мыктысы мыкты эле, бирок өтө жашпы дейм.. .

Өтө жаш деген кепти угуп кулан эңги-деңги боло түштү. Жүрөгү кабынан чыкчудай согуп атат, кабын жарып кетчүдөй. Атаңгөрү, жаш кыз алсам, анын жаштыгы өрттөп турса, алдыма отургузуп эркелетсем.. . деп башталган ою далайга алпарып таштачу. Эми минтип Кудай бергени турат бейм.

– Өтө жаш болуп эмине, он төрттөгү кыз эместир, – деген болду.

– Он төрттө болсо соттолуп кетесиң, кызым жыйырмадан жаңы эле өттү.

Кулан жаш айырмасын эсептеп жиберди. Кырк жаш айырма экен, туй ата, жыйырма жаштагы неме болуп-толуп турган неме да, видиктерден көргөн турна моюн, турна бут, жылаңач кыздар элестеп кетти. Ого бетер жан туйлады.

– Жүрү, тамактанып жай сүйлөшөлү, – деди Кулан Сонунду чыканактан сүйөй, – сени менен бир отурган күндөр жомок болуп калбадыбы. Сонун учур экен ошол учур, сени жолуктурган, сагындырган.. . – минтип калп айтты. Сагынбайт эле, кутулганына сүйүнгөн ошол маалда.

Экөө райборбордун мен деген кафелеринин бирине кирип, алдыларына түркүм даам, ичкилик жайнап, ичип-жеп отурушту.

– Ии, келиңиз, момуну жанагы жаш аялыңыз үчүн алалы, койнуңузду өрттөп турушу үчүн, – деди Сонун.

– Кандай болсо да сенчелик ысыта албас.. . Мейли эми, ал үчүн деле алып коелу.

– Кезектеги тост алынгандан кийин Кулан чыдамы кеткен жообун уккусу келди:

– Тостту го арнап салдык, аныңдын аты-жөнү ким деген неме, кайдан болот дегендей?..

– Ии, жаш неменин жытын алып чыдамың кетип жатабы? Өз эле кыз, жанагы күйөөмдүн жалгыз кызы.

– Атасы эмне дейт. Илгертен тааныш да эмеспизби?

– Эмне демек эле, кайра сүйүнбөйбү кызынын эр тапканына.

– Анда жакшы экен.

– Бир кеп бар, бирок.. .

– Ии.. .

– Кыз жаштык кылып коюптур, бир ирет.

– Бир эле ирет болсо эмне экен, жаштык кылбаган ким бар дейсиң.

– Туура айтасың, – деди Сонун жаштыгынын бир жерин – жаштык кылып койгон жерин эстеп. – Эми калган жаштыгы бүт өзүңдүкү болот да.. . Денең алоолочу турмуш алдыда.

Анан экөө бир топ жакшылык үчүн каалап ичип олтурушту. Кызышты. Ошонун эртеси экөө райборбордогу Сонундун бир теңтуш келини салып берген төшөктөн турушту, иттики.. .

***

Бир ирет Токендин иниси Бекен базарлап келди. Өз инисиндей көрүп калган Макан аны ой-боюна койбой үйүнө апкелип экөө ичип-жеп жакшы отурушту. Экөө тең ойт берген бойдок болгон соң белгилүү да, алардын сөз ээси кыздар болуп турду. Макан улам камданып, анан батына албай жатып, айтпай кое албай турганда сурады: «Баягы жайлоодогу башкарманын кызы кандай жүрөт болду экен?» Бекен аны менен айылдаш болсо билбей коймокпу, билет, зордукталганын да билет. Ошол Макан бир көрүп жактырганда анын кыз атын өчүрүп зөөкүр Жаныш тырпыратканына жарым жылдай өткөн. Макан аны кайдан билди. Кыздын зордукталганы чуусуз аяктаганы менен кошуна аял билет эмеспи, ошонун эртеси эле «эч кимге оозуңан чыгарба» болуп жүрүп отуруп, бүт айылга жарыя болгон. Бир билбесе анын дөңгөч атасы билбейт.

Бекен укканын жашырбай айтты эле, Макан колунан алдыргандай болду. Ошол жалбырактай дирилдеген аппак кыздын зөөкүр алдында жатканы, жатканда да жардамсыз, айласыз, ботодой боздоп жатканы жигиттин көз алдына тартылды. Азыр Жаныш деген ал жексурду дал тумшукка урчудай муштумдары таштай түйүлдү. Амалы түгөнө жаздады. Анын ал-абалын наркы-теркиден күлдүрө сүйлөчү Бекен оңдоп турду.

– Бекен, – деди Макан бир маалда, – мени ошол кыз менен жолуктура алар белең?

– Ошо да кеп бекен, – Бекен ушинтип айта салганы менен ойлоно калды, жообунун нугу башкараак кетти, – жолуктуруу колдон келет дечи, бирок жанагы шайтан аны үйүнөн карыш чыгарбайт дешет.

– Шайтаның ким?

– Өгөй энеси, аты – Сонун.

– Эмнеге чыгарбайт экен?

– Даанасын билбейм, иши кылып, чыгарбайт экен. Жанагы зордуктаган неме ошол Сонундун инилеринен болот экен.. . Анан да эл айтат, ошол зордуктагандан кийин Нестан талма оорулуу болуп калыптыр, эч ким менен сүйлөшпөйт дешет.

– Жанагы Жаныш деген неме кайда иштейт экен?

– Иштебейт го кебетеси. Соттолуп келип, ошондон бери ичип жүрөт дейт.

– Айылында эле дечи.. . – Маканга баш бербеген ой келе калды көз ирмемде, аны жерден чукуса да таап, жазасын бериш керек.

Эки жигит бу түнү укташкан жок. Сүйлөнбөгөн сөз аз болду. Бекен Маканды Нестанга кандай болгон күндө да жолуктурмай болду.

***

Дал ошол эки жигит Нестанга жолугушуунун жолун ойлогон түнү ал кыз кезектеги кордугун көрүп турду. Ошол күнү таң эртең Нестандын атасы шаардагы уулуна учурашат элем деп кетти. Кетишинин негизги себеби, уулун сагынганда эмес, тааныш издеп, акча менен жолун издеп, өз атын мектепке койдуруу эле. Кеминде бир жума жүрмөй болуп кетти. Сонунду жүрү деди эле, «үй-жайды жанагы чала эс кызыңа кантип ишенип таштайбыз» деп көнбөй койду. Көңүлү жок болчу, болбосо нечен жолу таштап эле кетип жүрүшкөн эмеспи.

Нестан атасынын кеткен-кетпегени менен иши жок. Түш маалында тамак жаса деген Сонундун тапшырмасы менен картошка кууруп, чайын белендеп турганда карп-күрп баягы Жаныш деген неме кирип келди. Аны көрүп Нестанга ажал өзү келгендей болду, муун-жүүнү бошоп, денеси калчылдап кетти. Азыр качып кетсе кана, болбосо жанында апасы болуп бу желмогуздан коркунучтуу немени тилдеп-тилдеп туруп кууп чыкса, же атасы төркү үйдө илинип турган алты өрүм жылан боор камчы менен жонунан жон калбай сабасачы.. . Ушинтип тилеп кетти Нестан. Азыр болсо анын бири жок, алсыз эле, тири жандан Сонун бар, жылан сымал ийриле жатып, жоон сандары бүчүлүгүнөн чечилген халатынан бултаң этип далай жерине чейин көрүнүп, телевизордон бир кызык кино көрүп жатат эле, кирип келген Жанышты көрүп, жакшы тосту ордунан козголо:

– Кел, келегой. Аман жатасыңбы? Биздикилер жакшы турушабы? Төргө өт. Ай, төшөктү калыңда, – деди Нестанга акырая.

Нестан анын айтканын кылып, кымырыла олтуруп чай куйду. Чыгып кете алган жок. Антсе Сонун атып туруп чачтан сүйрөрү бар.

Экөө ал-абал сурашып, наркы-теркиден кеп учугун чубайт. Ал ортодо Сонун ордунан туруп шкафтан бир бөтөлкө, эки рюмка алып келип Жаныштын алдына койду. Ал бөтөлкөнү ачып куюп жакшылык менен денсоолук үчүн алышты. Бат эле ал бөтөлкө түбүнө түштү. Сөздөр кызуу тартып, күлкү басымдуу кыла баштады, экинчи бөтөлкө ачылат да анан.

Нестан дасмал үстүн ирээтке келтирип, өз бөлмөсүнө барып керебетине отурду. Удавга жем болчу коен абалында дирт-дирт дене. Бу убакта эки эргулдун да денеси дирт-дирт, бирок алар коен эмес, бири бирине удав болуп жатпайбы. Аны баштаган Сонун, араң турган Жаныш аны улантат.

Экинчи бөтөлкөдөн бирден ичилгенден кийин Сонун Жанышка жакындай отуруп, ыраазы болгон түр менен:

– Ушинтип эжеңди унутпай келип турганыңа рахмат! – деп кучактай имерип, түз эле калбыйган эринден шимирип өптү. Арагы дене жибитип, баягы каалагандай баскан, үлпүлдөгөн аппак кызды, анан да кирип келгендеги Сонундун тасырайган балтырлары эстен кетпей дүүлүгүп отурган неме эжекеси оозун тартып аларда кайра имерип бир колу анын мойнунан кысып, экинчи колу жоон санга жабыша түшүп, аңгилигине алдырып койду. Аял «кой» деген болуп, аздап түрткөн болуп, «кантетин» акырын, таттуу айтып, эркекти үстүнө тарта жатты.

– Шашпачы, берекем, шашпа. Кайда шашабыз, – аялдын бул сөзү «макул» дегендин дал өзү да, эркек шашпай коймокпу, тоскоол кийимдер шыпырылып, эки дене кыналыша түштү.. .

Аял чачы-башын оңдоп диванга барып отурду да:

– Эжекесин аябаган сендей тентекти биринчи көрүшүм. Куй эми алдагыдан, – деп албырган бетин сылап, жыргата демиктирген демин басалбай, жаңы ачылган гүлдөй бажыраят.

Жаныш куюп сунду, өзү да рюмканы колуна алып, Сонунга жанаша отурду:

– Эже, мен небактан эле сизге кызыгып жүргөм, – деди анын бетинен балч өөп. – Укмуш экенсиң.

– Эмнеме кызыктың эле, ыя, чечек?

– Сулуулугуңузга, анан.. .

– Ии, анан эмнеме? – Аялдын уккусу келет, кумарланат.

– Эмчегиңиз менен жамбашыңызга.

– Андайлар жеке эле менде дейсиңби, ыя, чечек. Аялдын баарында бар да.

– Баарында бар болгону менен сиздикиндей эмес да.

– Меники кандай экен?

– Жутуп ийгидей. – Жаныш бу сөзүнө удаа колундагысын алып жиберди.

Аял да ичти да, рюмканы дасмалга ыргытып койду:

– Тиги кыздыкы жакты беле?

Жаныш эмне жооп айтарды ылайыктай ойлоно калды эле, аял шаштырды: – Жакты беле дейм?

– Билбейм.. .

– Билбесең алтүндө дагы бир көр, уктуңбу, ыя, чечек? Шашпай көр. Чама-чарпың жетер дейм.

«Жетет» деп айтып жибере жаздап, бу катындын жинине тийип албайын деп кайра токтоду да, минтти:

– Ага көңүл чапкан жери жок.. . Сизден кийин кантип барам ага?..

– Ошондой дечи.. . – Аял эми диванга чалкалай жигитти өзүнө тартты, – сизден кийин баралбайм дечи? Мага кел анда. Тартынбачы, алтыным.. .

Экөө көпкө жатышты диванда.. .

Анан орундарынан турушту караңгы киргенде. Аял сыртка чыгып келип жерге кеңири төшөк салды. Жаныш да сыртка чыгып кайра кирсе, аял дырдай жылаңачтанып жууркан тарткан. Жаныш чечинип жанаша жатып, аялды өпкүлөйт. Бир маалда аял аны оолактата түртүп минтти:

– Бар тигини эрмектеп кел. Бизге убакыт кенен эмеспи. Бар, барып кел.

Жаныш эмне кыларын билбей турду эле, аял ачуулана да, буюра да сүйлөдү:

– Бар дейм. Сага эскертип коеюн, менин сөзүмдү эки кылбай жүр, угуп жатасыңбы?! Бар дегенден кийин барбайсыңбы! Шашпай кел. Бол!

Жаныш турсичен шашпай басып Нестандын бөлмөсүн ачты. Ал болсо бая киргенде отурган боюнча эле. Кирип келген Жанышты көрүп, денесин бир силкип алды да, ордунан кебелген жок, кыйкырбады. Эркек да үндөгөн жок, кыздын мурункудай чаңырып качпаганын макул болгонундай көрүп, аны баса жыгылды. Кыз каршылык көрсөтө алган жок. Таптакыр алсыз болчу. Лөкүйгөн неменин алдында дем алалбай өпкөсү куушурулат. Ал болсо кыздын бетин чыла жыттанган оозу менен балчылдата өөп, аймап жатат. Бир колу менен кызды чечиндирет. Өпкүлөгөнүн токтотпойт. Аны менен аябай бириккиси келет. Бирок такыр болбойт. Эркек боло албай ага жини келет. Кызды эзе берди, эзе берди. Анан кенен бир саатча асылып, кудуретсиз экенин сезди. Кыздын бар-жогун элес албай, каакы ордуна көрбөй, өзүнчө сөгүнүп чыгып кетти.

Аял чыдабай жаткан. Эркек жанынан орун алганда ойгонгон болуп, уйкусураган болуп сурап койду:

– Эмне, таң аттыбы?

– Жок.

– Катуу уктап кеткен турбаймынбы. Барып келдиңби?

– Ии.

– Жакшы бекен анан?

Жаныш мукактанды:

– Мен.. . меники.. .

– Эмне жарабай койдуңбу?

– Ии.. .

– Андан башкага жарайсыңбы?

– Жарайм го.. .

– Жарасаң жакын жат.

Көптөн бери дене ысыгы да жибите албаган чал менен төшөктөш болгон Сонун жаш зөөкүрдү үчүнчү күн дегенде араң кое берди. Эми анын кереги жок болчу. Жөн койсо аялындай мамиле кылгысы бар а шүмшүктүн.

***

Макан чыдабай кетти. Нестанды көргүсү келип ошентип жатат. Баягыда Бекен да кыз менен кезиктирем деп койгон эмеспи. Бир күнү Токенден эки күнгө суранып, кайда барар жөнүн жашырбай түшүндүрүп Бекен ини-досуна келди. Ал үйүндө экен. Кышында иш жок, малына чөп салып, алдын тазалап, сугарып бат эле бүтөт да, кечке бош. Кези менен каңгып басып да калат. Макан келгенде сүйүнгөнүн айтпа, жарылып кете таштады. Байкел карыя менен байбичеси да өз уулу келгендей кубанып, кучактай жүзүнөн сүйүп, берерге ашын таппайт. Макан ала келген базарлыгын дасмалга жайнатып, сүттөлгөн чайдан жакшы ичти. Чай ичилгенден кийин Байкел карыя уулуна айтты:

– Ии Бекен, досум, досум эле дейсиң, ошо досуң келиптир, соеруң барбы анан?

– Ай, атам ай, сизден буйрук күтүп отурат дейсизби, өз укугумду өз колума алганым качан. Жүргүлө, бата тилейли дегиче шашып кетесиз да.. .

– Аныңды кайдан билдим.. . Бу чык татырбас Чынарбай болуп баратканбы дебатпайымбы, жаман оюмда.

– Экинчи ошентип айтсаңыз пикетке чыгып убара кылбайм.. .

Ата-бала ушинтип тамашалашып, төртөө тең сыртка чыгып килейген ирикке бата тартышты.

Бекен кой сойгонго маш. Алеки саатта союп, устукандап, чара-чара кылып жиликтеп да салды. Макан ала келгенинен куюп абышка-кемпирге көрсөтпөй эки жолудан жутканга үлгүрүштү.

Аш бышырчу үйдө очок алоолоп, эт бүлк-бүлк кайнап, эки дос ошол жерде, сөздүн кызуусунда. Бекен көзү ачыктай айтып жатпайбы:

– Ии, мени шылтоо кылып, Нестанды көрөйүн деп келген экенсиң да э. Үстүңөн түштүмбү?

– Дос дегендин сыры доско маалым болот да.

– Үч-төрт жолу Нестан менен сүйлөшөйүн деп барып, жолуга алган жокмун. Жанагы мастан апасы үйүндө экен. Сумкасын асынып эле ар кайда жөнөп калчу эле, өчөшкөнсүп жатат үйүндө.

– Үйүндө болсо деле кезиксек эмне болот. Илгерки заман бар беле жашырынгыдай.

– Сен билбейсиң да. Жанагы аялдын тили канча метр экенин билесиңби? Билбейсиң. Анан ажаандыгы укмуш дейт, абийирибизди кетирип, бетибизди жулуп түшсө эмне кылдык? Же мушташа албасак аял неме менен.

– Иши кылып ушул жолу бир жолугуп кетейин. Бет жулунмактан баш кетсе да.

– Аракет кылабыз да.. .

Эт эзиле бышып, төртөө шашпай далайга жешти.

– Катып соккуча ачык соккула, – деп Байкел карыя эки жигитке арак куюп берип отурду. Бир маалда карыя уулун карап оюн-чындан айтты: – Ай, Бекибай, карап турсам аракты кадимки чоң кишидей ичет экенсиң, кайдан үйрөнгөнсүң?

– Ай, атам ай, былтыртан бери эле көрүп жүрбөйсүңбү ичкенимди?

– Былтыртан бери көргөнүм менен, кадимкидей ичкениңе азыр баам салыбатпайымбы.

– Мен эмне алкаш болуп кетмек белем, айда-жылда эле бир ичем го.. .

– Алкаштын баары айда-жылда ичип баштаган.

– Өзүңүз куюп бересиз да, кайра аныңызды аш кылбайсыз.. .

– Койдум, койдум. Бу жакшы тамактан куржалак калган болбойт. Бирок ченемин билбей жатпайбызбы. Болду эми, чын эле ичкениңер аш болсун, балам. Кана, Макан балам, алып жибер. Мен бу уулум менен күндө бир маал айтышып албасам бир капталым эле коңулдай берет.

Бешбармак желгенден кийин чай ичилип, андан соң тура качышпай далайга сүйлөшүп отуруп, анан Бекен малга чөп салыш керектигин эстегенде гана орундарынан турушту.

Кеч кирип калганда Бекен Нестандан кабар алып келмей болуп кетип, бат эле кайра келди:

– Маке, тиги катын үйүндө дейт. Кошунасы айтат. Үйүндө болсо эмне экен деп жакшы эле кирмек болуп, кайра тарттым. Эртең менен сөзсүз жолугабыз, эмне болсо ошо болсун, экөөбүз тең баралы. Калганын көрө жатарбыз.

Макан баарына макул эле. Күн өткөн сайын кызды көрүүнү самайт, бөтөнчө бүгүн жанын коерго жер таппайт.. .

Эртеси Бекен каадасынча мал-жанын жайлап, тамактанышкандан кийин кайдасың Нестан дешип, машинени таштап жөө жөнөштү.

– Тээтиги трактирди көрдүңбү, ошонун ары жагындагы үй Нестандыкы, – деп Бекен кол жаңсай көрсөткөндө мурун эле дүкүлдөгү күчөй келаткан Макандын жүрөгү жарыла жаздады.

– Шашпай басалычы, – деди өзүн ушу сөз менен алаксыткандай, – чакырылгандай шашабыз да.. .

– Ии, айлаң кете бештадыбы? Кызга жолугат элем деп шаардан бери жетип келет деле, кызга жолугуш эле оңой бекен?

Дагы баса түшкөндө Бекен Маканды колдон алды:

– Токто, тигини көрдүңбү, жанагы шүмшүк апа чыкты, Кудай берип бир жакка кетет окшойт.

Тумакчан, шуба кийген, сүлкүлдөгөн аял сомкесин ийинге асып кетип баратканын Макан даана көрдү. Аял бир аздан кийин туура көчөгө бурулуп көрүнбөй калганда Бекен:

– Аа, остановка жакка кетти, жок эле дегенде райборборго барат. Жолубуз ачык экен. Шар эле кирип баралы. Анан келерин келип алып, өз ишиңди мага айттырбай өзүң айтсаң, уктуңбу.

– Көрөбүз, – деди Макан. Антип айтканы менен эмитен эле денесин калтырак басып, оозунан сөзү түшкөнү турат.

Бекен баштай басып дарбаза какпай эле короого киришти. Короо күрөлүп, дал ортодо үйүлгөн кар көрүндү. Заңгыраган үйдүн кара дермантин капталган эшигин Бекен какты эле, ичтен жооп жок. Эми катуурак кагылса да эшик ачылган жок. Эшикти тартса ачык, ичкери киришти да, Бекен үн салды:

– Нестан, Нестан.. .

Аздан соң кире бериш бөлмөдөгү төрт эшиктин бири ачылып, чачы-башы таралбаган, жука халатчан Нестан чыкты, ооруканада жаткандай өң-алеттен кеткен, кагаздай ак, эки эле көзү жылтырайт. Сомодой эки жигитти көрүп, ошо көздөрүн коркунуч басып, алаңдай калды. Бирок Бекенди жакшы билет эмеспи, жакшы да көрөт. Жайлоого төрт-беш жылдан бери жакын конушат. Ал эми жанындагы байкени бир ирет тоодон көрүп, эстегени бар кийин.

Нестан чач-башын оңдоно калып, бир бөлмөнүн эшигин ача берип:

– Кириңиздер, – деди төр көрсөтө.

Чакан жалпак столдо нан, тамак-аш. Экөө төркөрпөгө отуруп дымышты. Кыз ашканасына барып газга чай коюп, ал кайнаганча тиги экөөнө баралбай турду. Бир маалда чай кайнап, чай акчайнекке демделип, эки жигит астейдил чай уурташты. Кыз башын жерге салып отурат. Сөздү Бекен баштабаса, берки небак өчкөн.

– Жакшы жүрөсүңбү? – деди Бекен алгачкы сөзүн, – жайлоодон түшкөнү кезигише элекпиз, э?

– Ии.. . Энем, атамдар жакшы жүрүшөбү? – Үлбүрөгөн кыз араңжан үн чыгарып Бекендин ата-энесин сураган болду.

– Окууңа даярданып жүрөсүңбү? – Бекен эптеп эле кызды сүйлөтүүнүн эсебинде.

Кыз окуу-покуу дегенди да, башкасын да самабай калган. Үмүтсүз эле. Үмүтсүз жашаганы – адамдын баарына кол шилтеп койгону. Көз ирмемде Бекендин суроосу Нестандын дилин уйгу-туйгу кылып жиберди. Ошол көз ирмемде жок издетип боздотуп салган байкуш апасы, карамүртөз атасы, агалары, Жаныш зөөкүрдүн коркунучтуу элеси эзгени, уйпалаганы, кээде чачтан сүйрөп эркекче тепкилеп салчу Сонундун айбан жоруктары.. . баары, баары көөдөндөн чубала өтүп, көзүнөн жаш мөлт этти, ага удаа бетин баса эчкире ыйлап жиберди. Эки жигит эмне кыларын билбей, жаман абалда калып, анан Бекен ордунан туруп Нестандын жанына чөк түшө калып башынан сылай:

– Нестан, сага эмне болду? – деп айласы кетет.

Кыз эмне деп айтмак, ого бетер эреркеп кетти көз жашы он талаа. Макандын зээни кейий, эмне кылар айласын таппайт. Кыз эми ого бетер жакшы көрүнүп кетти. Небактан арзышып жүргөн аялуусундай көрүндү. Кучагына бекем кылып, өөп-жыттап эркелеткиси келди. Кайдан антти.. .

Нестанга муң аралашкан ой келет: ушул экөө аны зөөкүр менен Сонундан, кызым дебеген атасынан куткарганы келгендей. Бүт азап-тозогун, кайгы-капасын ушул үйгө таштап, кандайдыр бир жыргал дүйнөгө алып кетишчүдөй.

Кыз ый аралаш экөөнү таң калтыра жалына айтты:

– Мени бул жерден алып кеткилечи.. .

«Мени бул жерден алып кеткилечи» деген кыздын күтүүсүз сөзү Маканды жинди кыла таштады. Андай сөздү кайдан күтмөк. Ошол сөз буркурай ыйлаган кыздын оозунан чыкканда Макандын жан-дүйнөсү эңшерилип, не кылар айласын таппай, көкүрөккө келген жылуу да, аянычтуу да сезимин жөндөй албай калды. Көргөн кордугу жанына батканын, бу үлбүрөгөн кызды коргоп ала турган, баркына жетип бапестей бөпөлөп ала турган эч кимиси жок экенин, жалбарып жардам сурап, бүт дилин арнап берчү адамын таппай бук болуп, эзилип жүргөнүн Макан эми айныгыс сезди белем, ордунан туруп кыздын жүзүн аярлай сылап:

– Эми мен эч кимге кор кылдырбайм, – деп ээнбаш келе калган сөзүн айтып турду. Таптакыр эле айласы куруп турган кыз Маканды кучактай эчкирип-эчкирип алды:

– Мени алып кетиңизчи?..

Кыз наркы-беркини калчабай эле айтты бу сөздү. «Мени алып кетиңизчи өмүрлүк жар кылып.. . » дегениби, же ушул тозок элестеткен үйдөн гана алып кет дегениби, дааналанбай турду.

– Алып кетем, – Макан кызды бооруна тартып, чекесинен сүйдү, – алып кетем, эч кимге бербейм.. .

Жигиттин бүт денеси алоолоп, кургур жүрөгү ээ бербей, эсепсиз согуп, көмүскөдө көмүлүп жүргөн, калың кар арасынан жаз жылт эткенде атып чыккан кызгалдактай сезими бажырая берди. Тартынып турчу, ойлогондон уялып турчу сезими атырылып, ээ-жаа бербей ташкындап кетти.. . Жигит кызды кучагына дагы бекем кысты. Кыз ошол кучактын жылуулугун, денесин балкытып таштаган кудуретин сезди, баарын унута а да кыналды. Колдору жигиттин темирдей чың, опсуз булчуңдуу далысына жабыша кетти.. .

Ушул тапта бу кыналышкан кыз-жигитин эсебинен чыгып, бар-жогу билинбей калган Бекен делдейди. Кызды өзү гана сооротуп алчудай болду эле, сооротуп алчу адамы башка тура аныңдын. Капырай, өмүр бою бирисиз бири жашай албачудай арзышып келишкенби булар? Бекен кучакташкан экөөнө суктанды, эч жасалмасы жок бир бүтүнгө бириккен кыз-жигитти көрүшү ушул анын.. .

Автобус каттабай, аны күтүп тажаганда үйүнө келген Сонун кучакташып отурган кыз-жигитти, аларды шилекейи чубалчудай суктана караган Бекенди көрүп адегенде оозу араандай ачылып, анан өз калыбына келди да:

– Ой, бу үй эмне, жалапканабы, ыя? – деди сумкасын диванга ыргытып, – бети жоктор десе! – Аял ушул тапта жомоктогу эч кимге алдырбаган жезтырмак жезкемпирге айланып кеткендей болду. Эки жигит күтүүсүз кирген аялга таң калып үлгүрүшкөн жок, ал аткан октой Нестанга жетип чачтан алып шаңшыды: – Бети жок, шерменде, жалап десе! Атаңдын төрүндө жалаптык кылып жүрүп бизди шерменде кылып бүттүң! Элдин бетин карай албай жүрөбүз, Жанышка жатып бергениңден. Эми башкалар менен жалапчылык кылайын дедиңби, ыя, шерменде?! Көтүнүн суусу кургабаган жалап!

Мындай сөздү өмүрү аял оозунан угуп көрүшпөгөн эки жигиттин эси ооду. Бекен аялды тыйган болду:

– Коюңуз эже, бизди жаман ойлобоңуз.

Эки жигит аялдын Нестандын чачына жабыша түшкөн колун араң чыгарып, кызды далдаага алышты. Аялдын жулунганы менен абийирсиз тили токтобойт:

– Ой өлүгүңдү көрөйүн жалап, бир эмес эки аңгини кандырайын деген экенсиң ээ?! Атаң келсе көтүңдү кестирбесем желеби! – Аял сөзүн уланта албай калды, анын аялдыгын унутуп, эсебин албай, абийирсиз сөздөргө уугуп, ачууга катуу алдырган Макан аялды баса калып оозу-моозун жаагына кошо кармап капшырды эле, эзели токтобочудай болгон аның жалп эле өчтү. Жаагы сынып кете жаздаптыр, Макан кое бергенде оозунан сөз чыкмак тургай, эпке келбеди.

– Эми дагы бир жолу былжырасаң, атып салам! – Макан сол колтук алдындагы тапанчасын сууруп чыгып аялдын чекесине матыра басты, – атып салам, уктуңбу?!

Аялдын көзү алайып, жаны чыгып-чыкпай тьурду. Мындай кордукту ким көрүптүр. Ага басып алып тапанча такамак турсун, жаман сөздү айтышчу эмес да. Өңү менен, заар тили менен буга чейин далайын басынтып, жеңип келген эмеспи. Ушул жолу тирүү каларынан күмөн санагандай бүт денеси калтырап турду, жансоогалап жалынайын дейт, оозу капшырылган бойдон каткандай ачылбайт. Көзү алайып, жалдырап жансоогалаганын үнсүз айтып турду.

Макан тапанчаны ордуна салып, бар-жогу билинбей бүжүрөп турган Нестанды колдон жетелей диванга отургузуп, өзү да отурду. Аял бир азга сулк жатып, анан ордунан туруп, чач-башын оңдогон болду. Кыл жугузбай үлпүлдөтө кийген баалуу шубасын кагынып койду да, сөлдүрөй басып башка бөлмөгө кирип кетти.

Эки жигит да, кыз да эми эмне кылабыздан ойлоп, далайга үнсүз отурушту, чечимдери чыкпай жатат. Дал ошондой абалда отурушканда Сонун кирди. Бажырайган көк-жашыл гүлдүү халатчан эле. Бөлмөсүнө барып чечинип жатып, эмелеги окуяны сыдыргыга салып небак капталын жеп, далай эркекти какшатып, куурчактай ойноткон аял бу жолу албуттанып жеңе албасын түшүндү. Тапанча суурган жигит жайлоодон үйүндө тамак ичкен неме экенин эстеди. Же милийса, же чоң бандит деп ойлоду. Алардын алдында алсыздыгын сезди. Жанагы бетпакты сүйүп-күйүп калган неме го, кебетеси. Эпадам а жалап бу жигиттин колуна барса бактылуу болорун элестеп, ичи күйүп өрттөнүп кете жаздады. Атаңдын көрү де, албеттүү, өңү-түсү келишкен ушундай жигити болсо кана.. . Өтүп бараткан жаштыгын эстеп үшкүрүнүп алды. Эмне болсо да булардан эптеп кызды бөлүп алса, анан.. .

– Бекен, жеңеңдин ачуусун бир кечирип кой. Байкең эл сыйлаган адам эмеспи, анан эки сомодой жигит суроо-сопкутсуз келип эле кызын кучактап отурса.. . Байдын үйү баланын алачыгы эмес да! – Ушул жерин катуурак, ачуулана айтып алып, селт эте түштү, сөзүн таттуу кылып турду, – силердей келишкен жигиттер кирген үйгө кут кирет эмеспи. Келгениңер жакшы эмей.. . – Сонун сөзүн андан ары уланта албай турду эле, Нестан бөлмөдөн чыгып кетти.

Бекен аялга жазылды:

– Силерди бар экен деп келгенбиз, көрсө, жок турбайсыздарбы. Нестандын колун сурап келгенбиз.

Бул сөз аялга октой тийди, кызганып кетти. Бирок аны билдирбеди.

– Деле ырас болгон турбайбы. Кызды бербегенде төрүбүздө карытат белек. Көңүлүңөр табышса, кыз силердики, – бу сөздүн айтылышы тозок болсо да айтылды. – Бирок атасы келсин. Атасына бир ооз кеңешпей ээнбаштансам болбойт го.. . Силердей мыкты жигиттерге а деле кой дебес.. . – Эми эле оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан аял ушинтип салт кууп, сыпайылана сүйлөп турду.

«Кебетеси анча деле жаман аял көрүнбөйт» деген ой эки жигитке бирдей келди. Аял сөз улады:

– Силерди жанагы зөөкүр Жаныштай көргөн турбайымбы.

Жаныш Нестанды зордуктап салганын айыл небак билет, «каалаган күнү келип кыз менен жатып кетет экен» деген ушак коштоп да жүрөт. Сонун Жанышты бекер эскерген жок. Кыздын зордукталганын эскертип жатканы. Бузулган неме экен деп, балким айнып кетишер дегени. Макан анын баарын угуп, кызды жакшы көргөнү боору ооруганына кошулуп, накта сүйүүгө жетеленгенин аял кайдан билди.

Аял эмдиги жуманын дал ушул күнү келмекчи болгон эки эркекти дарбазага чейин эпилдей узатып, үйгө кирип Нестанга буюрду:

– Ай жалап, туруп тамак жаса! – Анан өзүнчө сүйлөндү, тиштене «шалдыраган чалдын сасык төшөгүндө өмүр өткөртпөсөм элеби, азган-тозгондорго талпак кылбасам элеби.. . »

Нестан уга жүргөн сөзүн угуп, ага кенедей да кейип койгон жок. Уга жүргөн сөз, кулак бышып бүткөн. Кыздын ою башкада эле, эми эле кеткен ак саргыл, алыбеттүү, татына жигиттин элеси жүрөгүнө бекем орноп, аны көз ирмем эстен чыгарбай турду. Жана чекеден өпкөн жери эмдигиче өрттөнөт, кучагынын жыргалы жан эритет. Ушуга чейин көргөн көр турмушун ошо жигиттин маңдайдан сүйүп, кучактай «алтыным» деген сөзү бир бүдүр калтырбай жууп кеткендей болду. Кыздын көңүлү, жан-дүйнөсү жазгы гүлдөй бажырая ачылды. Муңга толгон, муздай тоңгон жүрөгү, өзү отко жакшы кактагандай эрип турду. Өзү жакшы көргөн бир ырды акырын кыңылдай камыр жууруп жатат. Кесме жасайт. Ошол кесмесин жанагы жигит иччүдөй бүт дитин коюп, дилин берип жууруп жатат. Кыңылдап обон созуп, тамак жасабай калганы качан. Күндө жасаган тамагы жети баштуу желмогуздарга жасалгандай жасалчу. Жанагы жигиттин аты ким эле?.. Кап, сурап албай. Азыр ошенткени менен, анын жанында өзүнүн бар-жогун билбей калбады беле. Сурап албай дегенин карасаң. Кыз жылмайып алды. Дагы бир аз кое турушса, атын сурайт эле болчу. Эмне, «атыңыз ким?» дегендин эмнеси бар экен.. . Аты жакшы болуш керек. Кыз эркектердин аттарын эстеп жатат, бири жагып, бири жакпайт. Жакпаган аттарды а жигитке ыраа көрбөйт.. . Камырын жууруп, үстүнө табак көмкөрүп, шайдоот кыймылдап бөлмөсүнө кирип, төшөгүнүн баш жагын ачып, кичинекей кара кутучаны алып ачты. Ичи кыпкызыл, ортосунда аксаргыл ташы бар шакек. Шакекти чыгарып сол колунун аты жогуна салды. Чак экен. Анан колун алдына сунуп кыймылдата карап, суктанып койду. Баасы канча болду экен. Кинолордо көргөндөй кымбат болсо керек. Кымбатына карабай алып келген тура. Жакшы көрсө, кымбатына карамак беле.. . Кыз шакекти кутучага салып, аны ордуна катты. Кайра ашканага келип эт туурап, тамагына киришти. Жанагы ыры өзүнөн-өзү сыбызгый чыкты. Үйдө жалгыз болсо катуурак, сөзү менен ырдамак. Үнүң артистикиндей деп классташ кыздары айтышчу эмес беле.. .

– Ой өлүгүңдү көрөйүн, сойку. Ырдан кетесиңби. Ай жалап, ырды деген ыймандуу кыздар ырдаса жарашат. Сага эмне жок. Сен кошок кошушуң керек, шуркуя! Эми араң этин туурап жаткан тура. Жаагыңды басып, тамакты даяр кыл! Ой өлүгүңдү көрөйүн, жаман десе, – Сонун капыстан кирип ушинтти да, залдагы диванга чалкалап, Американын абийирсиз киносун көргөнүн улантты. Жаагы сыздай ооруп, тапанча такаган чекеси азга шиший кызарып, анысын күзгүдөн сан ирет карап, жанагы экөөнү каргап-шилеп, жини кайнап жатат. Экөөнө тең көргүлүктү кантип көрсөтөрүн ойлойт. Азыр кыңылдаган кыздын үстүнөн чыкканда каадасынча чачтан алып баса калып, эзип-эзип кумарын кандырып алат эле, жанагы тапанча такаган неменин элеси ортого түшө калыбатпайбы.. . Шашпасын, катынга тапанча такаганды көрсөтпөсө элеби. Бул эки жигитти кимдерге жазалатарын ойлоп-ойлоп отуруп, бир маалда бирөөнү эстеп сүйүнүп кетти. Шер деген айылдаш жигитти эстеди. Ал жөнүндө көп уккан. Райондогу бандиттердин анабашы дейт. Андан баары жүрөктөрү түшөт экен, атургай аким да, милийсанын начальниги да унчуга албайт дешет. Айда-жылда кезиккенде жакшы учурашат а жигит. Болду, ошого айтат, каалагандай жазалатпаса элеби! Ага чейин.. .

***

Жакшы адам болобу, жаман адам болобу, акчанын азгырыгына алдырып коет. Чыкса чыгар миңдин биринен акча артынан түшпөгөн. Токен өзү ак көңүл, айкөл жигит болгону менен, акчанын кызуусуна аябай кирди. Бүгүнкү табылган акчаң эртеңкини саматып турат экен. Токендин иши жакшы жүрдү, эсеби сом менен эмес, доллар менен жүрдү. Эми азык-түлүк менен гана соода кылбастан, бензин аралаштырды ошол бизнесине. Бу чоң шаардын эки тарабында акыркы техника менен жабдылган эки май куюучу жайы күндүр-түндүр иштеп турат. Көл жээгинен килейген эс алуучу жай сатып алды, жакшылап оңдоп-түзөттү. Жай келсе эс алуучулар толуп тургудай болду. Ошол тарапта дагы бир май куюучу жай ачып, экинчисин ачуунун алдында. Мындай иштер жөндөн-жөн эле бүтө бербейт, тутамдалган долларлар бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп турушу керек. Ал өз жолу менен болуп атты. Кол алдында иштегендерден аянбайт, алар ыраазы.. .

***

Ром бу шаарда кимдердин иши өр алып, кирешесин батыра албай жатканын, кимдер банкрот болуп килейген үйлөрүн, мыкты-мыкты иномаркаларын сатып, итке минип жатканынан кабардар болуп турат. Бир дагы окуя көз жаздымда калбайт. Аз мезгилде эле кабары угула түшкөн «мадырабаш» Токенди «өз эсебине» киргизип коюуну ойлоп, бир күнү ошондой иштерди так бүтүрчү жигитин чакырып, тапшырмасын берди.. .

Ал жигит кечке жуук келди Токенге. Ийиле учурашып, анча-мынча ал-абал сурагандан кийин келген жөнүн айтты:

– Ромдон салам апкелдим.

Ром жөнүндө бизнеске аралашканы жакшы кабары бар Токен токтоо сүйлөдү:

– Саламатта болсун.

Ромдун «саламы» жөнүндө да жакшы билет, билмексенге салып турду.

– Эмне деп жооп алып барайын Ромго?

– Саламатта болсун де.. .

Келген жигит Токенге таңгала карады. Бу неме эчтеке түшүнбөй жатат го деген ойго да келди.

– Болгону ошобу?

– Саламаттыктан өткөн баалуу нерсе жок болсо керек адам өмүрүндө, – бул сөздү Токен шашпай, жылмая айтты.

Жигит үн каткан жок, коштошподу, көзүнөн заардын учкуну бир жылт этип, анысы кекердүү көз карашка өтүп, эшикке чыгып кетти.

Ал жигит Ромго түз жетип, Токендин жообун айтты. Ром алдындагы кофесин шашпай ууртап, тамекисин кошо тартып, кандай өкүм чыгарарын таразалагандай болду да, ооз учунан минтти:

– Жаш эмеспи, менин саламымды кандай алик алыш керек экендигин такыр унутпагандай эскертип койгула.

Жигити сөз маанисин түшүнгөн неме, ошол эле күнү Ромдун айтканын аткарууга киришти.. .

Токен Ромдон салам-дуба алып келген жигит кетери менен дароо Маканды чакырды:

– Макан, азыр менден чыккан жигитти көрдүңбү?

– Ии, чала-була.

– Эмесе, жакшылап таанып калчы.

Макан сыртка чыгып, тиги жигитти көрдү. Жай басып тротуар менен кетип баратат. Машинесине отуруп жигит бараткан жакты көздөй айдап, андан бир аз өтө берип токтотту да, эми жигиттин маңдайынан даана көрдү. Узун кайыш пальточон, кочкул-кызыл шарфчан. Башы жылаңбаш, кыска алдырган. Ошо пальтосунун сыртынан эле денесинин олбурлуу экени байкалат, мурунку спортсмендерден го кыязы. Жигит Макан туштан өтө берип, жол жээгинде турган көгүш «Мерседеске» түшүп кетти. Каратору, чапжаак, өзбекчалыштанган жигиттин өңүн Макан дурус эстегенсип калды да:

– Көрдүм, – деди Токендин кабинетине кирип, «Мерсин» бир квартал нары токтотуптур.

– Карасаң, ошо Ромдон салам апкелиптир.

Макан түшүнүп:

– Аликти жакшы алып кеттиби? – деди жылмайып.

– Нааразы кетти. Ромду билесиң да, бүгүн болбосо эртең сөзсүз балээсин баштайт эмеспи. Не кылдык?

– Биз эми бала эмеспиз десекчи?

– Ал биз менен сүйлөшпөйт.

– Сүйлөшпөсө, сүйлөтөбүз да.. .

Макандын бу сөзү Ром жөнүндө терең билбегендиктен чыгып отурат. Болбосо ушул килейген шаар эмес, бүткүл өлкөдө анын сөзүн эки кылгандар, же тоотпогондор аз эле болсо керек, эгер болсо. Макан наркы-беркини терең калчабай эле жалы бар жүрөгүнүн сөзүн айтып салбадыбы. А Токен болсо Ром жөнүндө тереңирээк билет эмеспи, санаа коштоп турду анын оюн.

– Азырынча ага каршы алсыздык кылабыз, – деди Токен саамдан соң, – эбине көнүп турсак болбойт беле, мен дагы туура эмес кылдым көрүнөт. Азды аяп көптөн айрылып калышыбызды унутпайлы дейм да.

– Мени жибербейсиңби аныңа. Балким тил табышарбыз.

– Курчтук кылба.. . Дагы ойлонолучу.. . Терең ойлонолу. – Токен ордунан туруп Макандын жанына келип далыга таптады, – бирок сендей досум турганда иш жакшы болот деп ойлойм. Туурабы?

– Туура эмес, – деди Макан күлүп, – мендей эмес, сендей достор турганда баары жакшы болот.

– Жүрү, иштей берсең иштей бергидейсиң, бир жерге барып бир аз эс алалы, – деди Токен. – Көптөн бери экөөбүз жай отуруп маектешкен да жокпуз.

Экөө шаардын мыкты деген бир ресторанына барышты. Токендин БМВсы менен барышкан. Эшигин бекитип жаткан Токенге Макан тамашалады:

– Миң бекитсең да алчулар алып кетет. Бекитпей эле, андан көрө аңдыган алчулар жок болсо экен деп тилениш керек экен.

– Анча-мынча болсо да тоскоол болсун дейбиз да.. .

Экөө ресторандын келишкен залынын бир бурчунан орун алып, заказ беришти. Бат эле алдылары тамакка толуп, мыкты делген арактан аздан жутуп, достордой, сыр катышпай сүйлөшүп жатышат.

– Токен, – деди бир маалда Макан, – эки күндөн кийин Нестанды алып келчү күн, айтпадым беле. Анан бир нерсеге башым жетпейт, айылга алпарамбы же бу жерге элеби.

– Айылга алпарганың оң. Өз ата-энең болбосо да, өз баласындай багышканды таарынтпа. Ак колукту алпарсаң алардын төбөсү көккө жетпейби.. . Бардык жол-жобосун жасайбыз. Өзүм чоң куда болуп барам, бийликти мага берсең.

– Бийлик сенде.

– Ата-энесинин колунан алып аткан соң, бир жолу эле «ачуу басарын» кошо ала баралы. Анан тоюңарда чакырып алабыз, эне-атасын, тууган-туушкандары менен.

Экөөнүн сөзү дал ушул жерге жеткенде сырттан бир нерсенин жарылган үнү чыгып, ресторандын килейген терезелеринин быт-чыты чыккандай болду. Залдагылардын арасы кыйкырык-чууга толуп кетти. Аздан соң барып, сыртка агылышты. Макан менен Токен чыгып эле алоолоп жаткан БМВсын көрүштү. Бир боо чөп күйгөндөй күйүп жатат. Дароо сезишти – бу Ромдун эскертүүсү болчу. Экөө милийсаны күтүп отурушкан жок, кете беришти. Жакшылык кууп, дил жая эзилишкен сөздөрү көкүрөктөн шак кетип, санаркоо пайда болду, бу чымчыктай жанды сактоо машакатын ойлошту. Тез арада чара көрүшпөсө машинеси эмес, өздөрүнүн өрттөнүп кетиши же как чыкыйга ок жеши турулуу. Эки дос ушул туурасында сүйлөшүп жүрүп отурушуп, Токендин үйүнө келип ал сөздү түн ортосуна чейин улантышты.

– Макул десең, мен бир аракет кылып көрөйүн, – деди Макан акыркы сөзүн.

– Болуптур.

***

Эртеси саат таңкы 8дер чамасында эле. Макан машинесин Ромдун офисине бир аз жетпей токтотуп, бирөөнү чыдамсыз күтүп отурду. Жарым саат өтпөй күткөн немеси машинесин токтотуп, ичкери кирип кетти. Макан да машинесинен чыгып офиске кирди. Эшик тоскон жигит ага көңүл бурган да жок. Макан үч-төрт эшикти ачып, биринен баягы жигитти көрдү – жаңы эле чечинип, килейген күзгүнүн маңдайында таранып, келбетине сарэсеп салып жаткан экен.

– Салам алейкум, мүмкүнбү?

– Ии, кел, – жигит креслосуна отурду.

Экөө сиз-пизи жок эле кепке өтүштү.

– Сени менен бир маанилүү иш жөнүндө сүйлөшөйүн дедим эле, – Макан да маңдайынан орун алды.

– Айтып көр. Кулак сенде.

– Кечээ бизге салам айтып бардың эле, кечинде өрт менен коштопсуң аныңды.

– Ии, анан?! – Кабинет ээси кыжырланганын жашыра албай кекээрленди, – эмне кылсам дейсиң, ыя? Жакшы түшүнө албай калдым дейсиңби?! Ушул жерден түшүндүрсүнбү? Түшүндүрсөк болот, байкелебесең!

– Мен даярмын. Бирок бу бөлмөң экөөбүзгө тардык кылып, батышпай уят болбойлу.

Оңой эмес эки жигит ушинтип тирешип турат эле. Саламчынын чөнтөгүндөгү телефон чыр этип, ал жооп берди:

– Алло.. . Азыр.. . – Жигит шарт ордунан туруп чыгып баратып айтты, – кетпей тур, жигитсиң да.

– Жигитче күтөм.

Макан тиги чыгып кеткенден кийин курунун артында кыстарылган тапанчасын кармап көрүп, кеткен неме үч-төртөөнү ээрчитип кирсе дароо жооп кылар аракетин таразалап отурду. Башка келгенин көрө жатар. Селт этүүгө болбойт. Мындайда селт эттиңби, жаныңды сууруп алышы мүмкүн. Ушуну ойлоп Макан чыйралды, дили да, денеси да. Тиги аз өтпөй кайра келди, жок, эч кимди ээрчитпей эле өзү келди. Ордуна барып отуруп, сөзүн улады:

– Жигит, сен да түз сүйлөгөндү жакшы көрөт экенсиң, мен да жымсалдап айта албайм, кежирлене турган болсоңор бу жарык дүйнө силер үчүн жок болушу көз ирмемдик эле иш. Жарыкчылыктан тажасаңар, анда башка кеп дечи.. .

– Мен да түз айтайын, бу жарык дүйнөдөн силерсиз кете албайбыз.

– Акыркы сөзүңбү бу?

– Акыркысы.

– Болуптур, соо болуп тур, – жигит кол берип Макандын колун катуу кысты, а да кысты кем калбай.. .

Макан айтып берген бу окуяны угуп Токендин санаркоосу күчөдү. Өзүнүн өмүрү жөнүндө камсанабай коймок беле, сөзсүз ойлойт дечи, бирок ата-энесин, аялы менен балдарын, иниси Бекенди, Макан досу баш болгон жигиттерин көбүрөөк ойлоду, алардын өмүрү үчүн көбүрөөк санааркады. Макан Токенге кеңешпей эле барган Ромдун жигитине. Бекер барыпсың, барган соң ишти жөндөп келсең болмок дегендей айтты. Эми сөзсүз кан төгүү башталат. Ром деген далайдын өмүрүн кыйган, ошолордун бири да ачыкка чыккан жок. Ром кимди жайлатты – толугу менен билинбесе да, бир катар өлүм ошол колдуу, ошонун буйругу менен болгонун кримдүйнөдөгүлөр гана эмес, милийса, прокуратурадагылар да билет, бирок колунан кармай алышпайт, же кармагысы келбейт. Ром ошол милийсаң менен прокуратуранын лөктөрүнүн кай бирлери менен кучакташа көрүшөт.

Макан Ромдун жигити менен жолугуп келгенден баштап, өтө сак абалды сактай баштады. Өзүнүн төрт жигити экиден эки машинеге бөлүнүп Токен менен Макан түшкөн машинени дайым коштоп жүрөт. Алардан мурун түшүп эки жакты акмалап, үйгө киришсе баарын текшерип туруп киргизет. Айтор, көз ирмем сайын күткөнү белгисиз тараптан келчү өлүм.. .

Макандын Нестанга барчу күнү келгенде ал да, Токен да бу жөнүндө сүйлөшкөн жок. Жан коргоонун, бүлө коргоонун аракетинде эле алар.. .

***

Нестандын аты эле бар атасы, Сонундун соолгон күйөөсү баягы Бекендер келип кеткенден эки күндөн кийин жаш катынына атыр самынын шоколаддарына кошуп, арбын алып үйүнө кеч түштү. Катынын сагынган белем, күйөөсү киргенде дивандагы ордунан козголуп койбогон немеге жетип кучактап өөп, алтын, күмүш темирлерин айтып, анан ай менен күнгө өтүп эркелетет. Аялдын кабагы ачылбайт. Күйөө сарсанаа:

– Сага эмне болгон, ыя, алтыным? Ким сени капа кылган? Же менин көп жүрүп калганыма таарындыңбы, айтчы, жаным? – деп асты-үстүнө түшүп элжиреп-эрип кете таштап бушайман. – Экинчи сени таштап эч жакка кетпейм. Ит болоюн таштап кетсем.

А кургур да аялы өзүн күтүп таарынып жатат дебатпайбы. Кеткенине сүйүнүп, келгенине күйүнөрүн кайдан билди катындан көзү каткан какбаш. Сонун таарынган, тултуйган артистикти бекер жасап жатканы жок, Нестандын тагдырына капа болуп, ага күйүп жатканын билдирбейби.

– Айтчы жаным, неге капасың? – эркектин чыдамы кетип. Кеп укчу, жакшы укчу убактысы келгенин сезген аял кебин баштады:

– Жанагы кызыңдын айынан элдин бетин карай албай калдым. Шермендем чыгып бүттү.

– Эмне дейт?! – Эркек селт этти.

– Күйөөм болгонуң үчүн ачык айтып жатам, болбосо ооздон чыкчу кеп эмес.

– Ии.

– Баягы мага ини болуп жүргөн Жаныш деген неме менен тиги уяты жок немең соо эмес экен.

– Соо эмесиң эмне?

– Ошол зөөкүргө жаткырыптыр.

Ата сөрөй чочуду:

– Э кокуй, эмне дейт?!

– Жаткырып салыптыр дейм.

Муну уккан неме шалдырай түштү. Аял сөзүн улады:

– Сага айтпай жүргөм. Көрсө, өлүгүңдү көрөйүндөр десе, жашырынып жолугушуп жүрүшкөн тура. Небак эле билгем, сени аяп айтпай жүрбөдүмбү.

– Эми эмне күндү көрдүк, кокуй алат? Эмне кылдык?

– Эмне кылганды кое тур. Кызыгы быякта.. . Анан эки-үч күн мурун үйгө учурашайын деп автобус келбей калып кайра келсем, ушул эле кызың бир эмес, эки эркек менен шыңкылдашып отуруптур. Аны көрүп, жинди болуп кете жаздабадымбы. «Чыккыла, бети жоктор» десем, өлтүрүп салам деп тапанча такап жатпайбы кинодогу бандиттей болгон немеси. Жанындагысы ким дебейсиңби?

– Тааныган неме бекен?

– Жанагы Байкелдин Бекени экен, суболуч!

– Койчу?!

– Эмнесин коеюн, ошол шүмшүк карап турбадыбы жанындагысы мага тапанча такап жатканда.

– Жакшы жигит деп жүрсө, накта акмак турбайбы! Атасына айтып, сотко берип.. . Азабын көзүнө көрсөтөйүн. Ыймансыз атаңдын оозун урайын десе! Азыркы замандын жаштарында ыйман бар дейсиңби, тукумуң соолгурлар десе.. . Жанагы атасы сүйлөсө тим эле асмандын башын сүйлөйт. Баласынын баскан-турганын жөндөп албайбы!.. – Ушул обон менен далайга сүйлөгөн Сонундун абышкасы өз балдары үчүн, жалгыз кызы үчүн кандай эмгеги сиңгенин оюна алган жок. Ошол өзүнүн кызын кызым деп санабагандыгынын айынан Нестандын тагдыры тайгаланып жатканын, гүлдөй өмүр соолуп баратканын эсине албайт. Бүт ыйманды жалгыз өз дилине сиңирип алгансып, буркан-шаркан сүйлөгөнү Сонунга да жакпай турду:

– Ай, ыйман-сыйманыңды башка күнү айтчы, тиги кызыңды не кылдык, ыя?

– Кайдан билдим?

– Кайдан билдим дейт. Бүт айылга шермендебиз чыкты. Дагы да чыгат. Тезирээк күйөөгө берсек, анан унутулбайбы.

– Эми аны ким алат.. .

– Табабыз алчуларды. Деле чал болсо да берип, абийирди жабыш керек. Шайтан болуп үйдө тууп койсо, анда өлбөдүкпү.. . Өмүр бою элдин бетин карай албай басынып өткүчө.. .

Кызынын тагдырын кыкча көрбөгөн ата сурады:

– Кимге берип куурадык эми?..

– Табылат. Жалгыз бой немелер соолуп калгандай сүйлөйсүң да. Мен эртеңден баштап аракет кылайын. А сен кызыңа көз бол. Дагы бир балээни баштабасын. Баса, жанагы эки зөөкүр келсе айдап чык. Уялбай эле айтайын, алардын жаткандан башка ою жок. Бирөөлөргө ошентип айтып мактанышыптыр.. .

Кечинде тамак ичилгенден кийин төшөккө жатып, аялын кучагына алып, анын кумарына батат. Деле ар жок экен, бу катыны күйүп-сүйүп тийгенсип: «Мени эмнем үчүн сүйүп калдың эле, ыя, алтыным?» деп жанын койбойт. Далайда барып айтты Сонун: «Накта эркектигиң үчүн». «Накта эркек» экенин угуп, түн оогончо жалынганын токтоткон жок ал немең.. .

Эртеси Сонун таң заардан туруп, баягы жаш катын эңсеп калган Куланды издеп жөнөдү. Көп убара болбой бат эле таап, кызды тез алып кетишин, болбосо башкалар алып кетебиз деп жатканын айтты эле, тиги өмүр бою катын алууга даярданып жүргөндөй, «азыр десең – азыр» деди.

***

Нестан Макандын белегин кенедей бошой калса кармалап, кайра-кайра манжасына кийгизип, кайра чыгарып, аны менен кошо Макандын жагымдуу жүзүн көрөт. Ал келип ушул тозок сезилген үйдөн алып кетчү күндү күтөт. Убакыт учкан куш – ошол күн да келип жетти, керээли-кечке толкунданып, муун-жүүнү бошоп, бирде кубанып, бирде санаа кубартып күттү. Бүгүн тозок турмуштун акыркы күнү болчу. Эртең бактылуу күн башталмак. Мына, күн небак батса да эки жигиттен кабар жок. Кабар башка тараптан болду.

Тамак ичип отурушкан. Бир маалда Сонун күйөөсүнө кайрылып:

– Атасынын өзүнөн кыздын колун сурайбыз деген баягы экөө бандит немелер турбайбы. Бири-бири менен мелдешип, тигини, – Сонун Нестанды көрсөттү, – алып шакаба кылып кое беребиз деген тура, абийири жоктор.

Нестандын оозуна алып бараткан кашыгы тарелкасына чалп этти. Шал болгондой кыймылсыз калды. Жүрөгүн бир нерсе менен сайып, уу себелеп ийгендей сыздай ачышты. Аз күндөн бери жаман ойдон тазалана түшкөн көкүрөгүнө алеки саатта араң кетип аткан ошол жаман нерселер толуп кетти. Мурункудан аша толду. Көзү нымдалышып, караган жагы үрүл-бүрүл көрүндү. Бирөө тийсе жарылып кетчүдөй чыңалды.

– Алардын келбесин билгем, – деди Сонун сөзүн улантып, – жанагы тапанчалуу бандити ошол тапанчасы менен коркутуп, кыздарды сүйдүрүп эсебин көбөйтөт экен дешет. Сүйдүргөн кыздарын беш жүзгө жеткирем деген сөзү бар экен.

Сонун ушул жерге келгенде Нестан ордунан сөлдүрөй туруп өз бөлмөсүнө жетип, төшөгүнө көмкөрөсүнөн түштү да, ашып-ташып турган буулугусу тосмосун жарып, көздөн жаш жаз жамгырына айланды.

***

Сонун менен Кулан райборбордон жолугушмак. Болжонгон саатта ал машинесин бир жигитке айдатып, белгиленген жерге келди.

– Баарын бүтүрдүм, – деди Сонун аны менен учурашкандан кийин, – бирок, атасына кызы кимге бара турганын айтканым жок. Сен барбай эле кой, шоопуруң эле барсын. Кыз үйүңдүн босогосун аттап, койнуңа киргенден кийин баары бүтпөйбү. Макулсуңбу?

– Макул эмей. Өзүм деле барыштан чочуп тургам. Атасын тааныбасам бир жөн эле, анан аны жакшы билген адам болгондон кийин киши даабайт турбайбы.

– Үйдөгүлөр даярбы?

– Үйдө жанагы төшөктөгүдөн башка ким бар дейсиң.. . Тууган-туушканга да, кошуна-колоңго деле айткан жокмун. Чуулдатып эмне кылам. Укса кийин угушар.

– Туура кыласың. Эмесе, мен кеттим, саат алтыларда алып барам, жаш катыныңды, – деп Сонун тигинин машинесин айдатып кетти.. .

Сонун машине айдатып үйгө келгенде күйөөсү короодо жүргөн. Дарбазадан кирген аялын көрүп утурлады:

– Келиштиби?

– Машинесин эле айдатып келдим.

– Ии?..

– Бака-шака түшүрүп берчү кызбы, кызыбыз? Ойлонсоң.. .

– Туура, – деди бу аялын эч качан туура эмессиң деп айтпаган күйөө, – акылдуу иш кылыпсың.

Сонун түз эле Нестандын бөлмөсүнө кирди. Кыз көп ыйлап, аз уктап, түндү эптеп өткөргөн эле. Көзү тоодой. Колунда баягы шакектин кутусу. Мурун дабыш чыкканда анысын ката салчу эле, бу саам анткен жок.

– Тур, батыраак кийин, абийирди кетирген өлүгүңдү көрөйүн жалап! Алдагы эмне, ыя?! – Аял Нестандын колундагыны жулуп алып ачты. Кымбат шакек экенин дароо баамдады. – Кайдан алдың, ыя, шуркуя?! Көтүң жагып сатып беришкен го.. . Ушу сенин көтүң канча баа дейсиң. Эй, шуркуя, бол кийин деп жатам!

Кыз үндөгөн жок. Халатынын сыртынан апасынан калган пальтону кийип, жоолук салынды. Сырткы үйгө чейин бутуна эмне кийерди билбей туруп калды. Сапожкасы жок болчу. Мурункусу жыртылганда Сонун:

– Кышында кайда бармак элең, – деп сөз бүтүрүп койгон, кыз сатып бер деп айтпаса да.

Сонун аны эстеп айтты:

– Ой өлүгүңдү көрөйүн десе, бутуна да кийим түтпөйт. – Бут чеччү шкафтын бир бурчунда чаң басып жаткан өзүнүн эски сапожкасын алып берди:

– Ме, кий. Ремонттотуп өзүм кийейин дебедим беле, бутуң сынып калгыр десе.

Килейген сапожканы кийген кызды дегдеңдете жетелеп чыгып машинеге салды да кетти.

Атасы болсо көзүм жамандыкты көрбөсүн дедиби, Сонундун каада сөздөрү чыга баштаганда эле мал сарайга кирип кеткен.. .

Токендин бир жигити коркпой-үркпөй эле офисине келип «биз да оңой эмеспиз» дегенди эскертип кеткенин уккан Ром Макан аз жерден чарпыша кете жаздаган жигитине бир тийген:

– Эй, айбан, аны ошол жерден эле жайлабайт белең! Суу жүрөк энеңди.. . десе! Кайдагы бир шантрапаларды моюнга мингизесиңби, ыя?! Барып чөгөлөп, алардын кызматын кылып бер эми, катын десе! Бар, чыгып кет!

Тил уккан жигит өңү кубара түшүп Ромдун кабинетинен чыкты. Бул баягы Макан түз эле кабинетине тайманбай кирген жигит болчу. Эч нерседен кайра тартпачулардын бири, бирөөнү аео дегенди билбей өскөн неме. Мындан өзүнүн жакындары да чочуп турат. Бир ийменгени Ром. Атургай кээде ага да тил кайрыган учурлары болот. Бирок Ромго музоодоюнан сүздүрүп койгон неме баары бир коркуп турат, анын сөзүн эки кылбайт, туурабы-туура эмеспи, тандабай жапайылык аткарат анын буйруктарын. «Барс» дешет аны, туулган жылы ошондой экен. Барс Ромдон тил уккан күнү эле Токендин машинеси жарылды. Муну менен токтотмой жок, бул тырнактай гана эскертүү, эми анын жигиттеринин бирин күм-жам кылса Токен эсине келер. Ал эмес, нечен бир өрт жигиттерди эстерине келтиришкен эмеспи Ромдун көзү кызарган кароолдору. Эсине келбегендери ошол эсине келбеген бойдон тиги жыргалы көп деген дүйнөгө кете беришчү.. .

Макан өтө сак. Машине жарылып, өрттөнүп кеткенден кийин Токенге кеңешип, аларга да бир эскертүү жасайлы десе, ал көнбөй койду, кое туралы деп. Бекер кылыптыр.. .

Көз ирмем кайтаруудагы Токен дем алыш күнү ата-энесиникине барып келмей болуп гараждагы машинесин айдап чыккандан кийин сотовыйын алып Маканга чалды:

– Макан, мени издебе, мен атама барып учурашып келейин. Жок келбей эле кой.. . Жок, Кудай сактасын.. . Болду, болду.. . өзүң да сак бол.

Токен түз эле базарга айдап, өз колу менен эки чоң баштыкты түрдүү тамак-ашка толтурду. Көптөн бери базар кыдырганы ушул. Өз колу менен чий көбүгүн алып, эби менен бышырып, ата-энесине кыя кесип жедирмекке тандап атып жеңдей эки чучук, карта, семиз эт алды. Алгандарын багажга салып, машинесин тоо тараптагы айылын көздөй бурду. Шаардан чыгып эки жагына ак бубак баскан бактуу жол менен кетип бараткан. Бул тараптагы он-он беш айылга машине көп каттайт. Жол тайгак эмес, асфальты жаркырайт. Ылдам баратат. Бир маалда артында келаткан капкара иномарка кууп өтө берип терезесинен автоматтын оозу сунулуп, татыраган үн чыкты. Атылган октун дээрлик баары Токендин денесине кадалып, руль колдон чыкты. Машине күү менен жыйырма-отуз метрдей түз кетип, анан жол жээгиндеги килейген караталга келип тийди. Карс үн чыгып машиненин маңдайы ортосуна чейин бүгүлө түштү. Денеси калбыр болгон Токенди руль капшыра кысып таштаган. Кара иномарка зуу кете берди.. .

Макан жана Токен чалганда мен кошо барам деп жакшы эле айтты эле, ал көнгөн эмес. Аны менен сүйлөшүп бүтүп эле машинесине учуп жетип жолдон кезигермин деп шаардын четине чыгып он беш мүнөттөй күттү да, өтүп кеткен го деп түз эле Байкел карыянын үйүнө айдады. Бат эле жетти. Машиненин сигналын угуп сыртка чыккан Бекен менен учурашпастан сурады:

– Токен келдиби?

– Жок.

– Келем дебеди беле, – Макан эми даана санаага батты. – Жалгыз эле барам деп мени албай кетпеди беле.

– Тынччылыкпы деги? – Бекен да ойлоно түштү. Келем десе келип калар. Жүрү, үйгө кир.

– Анан кирербиз. Жүрү, Токенди таппасак болбойт.

– Азыр, кийинип чыгайын.

– Алдагыдай эле бар. Машинеден түшпөйсүң. Бол, отур.

Бекенди машинеге отургузуп Макан кайра шаарга жол тартты. Шаарга жакындаганда жол жээгинде токтогон машинелерди, котологон элди көргөн Макандын жүрөгү зыр этти. Анан жакындай берип килейген талды сүзүп талкаланган Токендин машинесин көрүп бир бакырып алды.

– Э кокуй, жайлашканбы, ыя?! Энеңди!..

Чайк-чуйк этип токтогон машинеден атып түшкөн Макан менен Бекен энтелеңдей чуркап Токендин машинесине жетти. Аны тегеректей карап жаткан топту буза берип, канга чыланган Токенди көрүштү. Кан чыланган башы эле көрүнөт. Макан да, Бекен да машинесинин бүгүлө жапшырылгын эшигин тытмалай, кайра Токендин башын кармалай бакырып турушту, боздоп турушту. Энесинен эчтекесин калтырбай кимдир бирөөлөрдү сөгүп, алардын түбүнө жетерине карганып, «кайраным» деп бакырат Макан, «байкелеп» Бекен жер чапчыйт. Аз өтпөй кыйратып салчудай үн чыгарып, төбөсү жалт-жулт этип милийсанын эки бирдей машинеси келди. Андан түшкөндөр тал сүзгөн машиненин ар жак-бер жагына чыгып, котологон элден сураштыра башташты. Булардын эч кимиси эч нерсе көргөн эмес, өтүп баратып бири карандай эле кызыгып, бири жардамым тийбесин деп токтогондор. Милийсалар Макан менен Бекенден бир нерсе сурашмакчы болду эле, алар сөз уккан да жок, боздоп турушту, ичтеринен кан өтүп, кектери кайнап турган.. .

***

Токен көп адамга колдон келген жардамын берип, эч кимге жаман сөз айтпаган, ууртунан дайыма жылмаюу кетпеген айкөл жигит эмес беле. Аны койгон күнү эл батпай келди. Айыл ичи иномарка, жөнмарка аралаш толо машине, ат арабалар, кызганактаган эл. Орустун муңдуу музыкасын ойночу топту чакырбай, кубаттуу магнитофондон «Көкөй кести» боздоп, боздогон жакындарын коштоп турду. Байкел карыя бүлкүлдөй кайгысын тереңине катып, көздөн ээ бербей куюлган жашты жашыра аарчып, күйүп-өрттөнүп, ар кимдин көңүл айта сунган колун кармап нарктуу отурат. Тээ көкүрөктүн тереңинде ушул уулуна чексиз сыймыктанып, аны менен бирге алда-кандай болот деп түпөйүл санаага батып, уулунун өмүрүн жараткандан сан ирет тилеп, тобосун ооздон түшүрбөй жүрбөдү беле. Кимге болбосун жардам бергиси келе берген ак көңүлдүгүн эстейт. Ар дайым келип чучугун баш кылып, ой-бойго койбой жедирип кетчү тамагын эстейт; азыркыча кийиндирем деп алып келчү кийимдерин эстейт; «ата, быйыл сени ажы кылам, Мекеге барабыз» дегенин эстейт; айылда наны жок отургандарга мүшөк-мүшөк түшүрүп берчү унун эстейт; ал келгенде үйдү айланып кетпей, аракты кенен алдырып иччү алкаштарды эстейт; энесин кучактап, бубак чачынан жыттап, «чачың агарып кеткен тура, боетолубу же парик эле сатып берейинби» деп аны чычалатканын эстейт; «буюрса айылдагы колунда жоктордун тың балдарынан туура онду тандап окутуп алам» дегенин эстейт.. . Жакшылык кууган, ыйман жылоологон кылыктарын эстейт, эми жок уулунун жүрөк жибитчү кылыктарын.. . Боору эңшерилет, бу дүйнөңдүн бар-жогу ажырымсыз, бу дүйнө көзгө жаман көрүнөт, суук.. . каргашалуу.. . каралуу дүйнө.. .

Макан боздойт буулугуп, өзүн күнөөлүү сезет. Жалгыз досун сактай албады го. Анын тилин албай эле кошо жүрсө эмне?! Баарын баамдап жүрүп жалгыз таштаганы эмне?! Досунун өлүмүнө ушул өзү күнөөлүү. Байкел атанын да, Бекендин да көзүн тик карай албайт.. . Анан каны дүүлүгүп, тиштене кубарат, муштумдары таштай түйүлөт.. .

Итиңди да, битиңди да, баатырың менен каапырыңды койнуна алчу жер ошол күнү Токенге жай берип тынды.. .

***

Токенди жерге берип тынышты ошентип. Макан бир жума бою Бекен менен Байкел карыянын жанынан чыкпай, алардын кайгысына ортоктош болуп турду. А балким алардын кайгысынан аша кайгыргандыр.. .

Токен өлөрүн билгенби, же жөн эле алдын-алганбы, керээзин жазып нотариуска бышыктатып кетиптир. Анын иш столунан бир көчүрмө, сейфинен экинчи көчүрмөсүн табышты. Эгерде өзү өлсө, же бир кырсыкка кабылса фирмага иниси Бекен менен аялы Жакин укугу тең башчы болуп калышарын, түшкөн кирешенин он проценти Маканга тиешелүү болорун айтыптыр.. .

Өлгөндүн артынан кетмей жок, тирүүлөр ошол тирүүлүк парзын аткарышы турулуу. Жан-дүйнөсү эңшерилип, бир боорунан айрылган кайгысы денеге сыйбай, буулукканы басылбай, көксөөсү суубай турганы менен Бекен Токендин ордуна отуруп иш жүргүздү. Алган билими жок болгону менен жараткан берген жөндөмү барбы, ишин жакшы алып кетти. Анын үстүнө бүт иштин аки-чүкүсүн беш колундай билген, мүнөзү кебез сындуу жумшак, тири жандын бирине зыяны тийбес Токендин орунбасары Турганбек Бекенди көп нерсеге үйрөттү, үйрөткөнү уланат. Жакин балдары менен үйдө.

Бир күнү Бекен фирмадагы керектүү адамдарды жыйнап чогулуш өткөрүп жатты эле, Макан кирди.

– Бу жерде чогулуш болуп жатат, – деди Бекен анын киргенин, киргенде да суроо-сопкуту жок киргенин жактырбай.

– Иш бар болсо кирем да, – деди Макан азга кызыраңдай. – Эмне, бу жерге кириш үчүн атайын уруксат керекпи?

– Керек! – Бекен катуу зоңк этти. – Ишиң болсо анан кел!

Отургандар бир туугандай болгон бул экөөнүн эч күтүлбөгөн кер-муруна таң кала, ыңгайсыз болуп түйшөлүп, уккан кулагы менен көргөн көздөрүнө ишенбейт.

– Сен эмне, атайын уруксат менен киргизгендей президент белең, же министрсиңби?!

– Президентмин, фирманын президентимин, уктуңбу?!

– Урдум сенин президенттигиңди Сени кошо урдум! – Макан шарт бурулуп эшикти омкоро таштачудай жаап чыгып кетти.. .

– Айбан! – Бекен кубарып турду.

Ошондон соң Макан фирмага жологон жок. Фирманын коопсуздугун сактоо милдетин Бекен төрт жигиттин бирине жүктөдү, дагы бир жигитти ошол ишке алды.. .

«Макан Казакстанга кетип калыптыр, жок, Россияда дейт.. . » деген сөз фирманы аралап кетти.. .

***

Ром ошол Токен жерге берилгенден бир ай өтүп калганда Барсты чакырып бир эле сөз айтты:

– Эми кайгырып деле бүтүшкөндүр, инисине учурашып кел, жанагы өлгөндүн.

– Кеттим, – деди Барс, айтканды алеки саатта бүтүрөрүн билдирип.

Барс түз эле Бекендин фирмасына келип, анын кабинетине кирди:

– Салам!

– Алеки, – деди Бекен, – айта бериңиз.

Барс Бекендин столунун маңдайында узатасынан коюлган столго отуруп шашпай айтты:

– Менин зарыл деле жумушум жок, сүйлөшүп койчу маселе бар.

– Кулак сизде.

– Фирмаңызды ар түрдүү кырсыктан, болбосо зордукчу бейбаш балдардан сактайлы дедик эле.

– Кырсыктан Кудай сактасын.. . Бейбаш балдардын деле келген жери жок. Келип калса койгула деп айтууга өзүбүз деле жарайбыз го деп ойлойм.

– Эгерде жарабай калсаңарчы?

– Анда.. . Анда башка салганын көрөбүз да.

– Башка салганын көрөбүз деген сөз баары ойрон болот, бүттү деген сөздөн айырмасы жок го дейм.

– Ойрондотор биз деп эле ачыгын айтпайсызбы анан.

– Ачыгын да айта алабыз, ойрондотчу мына мен деп айтсам да болот.

– Кандай кылсын дейсиз?

– Мунуңуз жакшы сөз болду. Сиздерди сарсанаа болбой иштесин десек айына төлөп турушуңар керек.

– Канча?

– Жыйырма процент.

– Көп эмеспи?

– Аз эмеспи деңиз.

Барстын бу сөзүнөн кийин Бекен ойлоно калды да минтти:

– Ойлонолу анда.

– Ойлонуштун кереги жок. Сөздү бүтүрөлү. Ар айдын башында ошол жыйырма процент биздин колго тийип турушу керек. Сүйлөштүкпү?

– Сүйлөштүк.

Барс чыгып кеткенден кийин Бекен көпкө баш катырып анан бир чечимге келгендей алаканы менен столун тарс чаап ордунан турду.. .

***

Макан ошол Бекен менен кер-мур айтышып биротоло кайткыс болуп кеткенден кийин үйүндө болуп, андан баягы фирмага келип, төрт жигитинин бөлмөсүнө келип тапанчаны столго таштады:

– Момуну тиги айбанга берип койгула!

Али эч нерсени уга элек төртөө элейди. Бири сурады:

– Эмне болуп кетти?

– Эмне болмок эле, тиги айбан менен иштеше албайм эми. Урдум ошону.

– Кайда кетейин дейсиң?

– Кетчү жер табылар. Керек болсо Россияга же Казакстанга кетем. А балким андан ары кетермин. Тиги айбандан кетсем эле жашоо бүтмөк беле.. . Болуптур эми, аман-эсен болгула. – Макан төртөө менен кучакташа коштошту.. .

Макан Бекен менен катуу кер-мур айтышып кеткенден эки күн өткөндөн кийин баягы иш таап берет элем деп сөз карматып койгон Касым менен Берметти издеп жүрүп базардан тапты кечкурун. Сатканы же алганы жок, экөө тең кызымтал. Маканды көрөр замат экөө эки жактан жажалай чыгып, кучактай өөп айтарга сөз таппай жатышат. Кебетеси келишкен эки алкаштын татына жигитти кучактай өөп, жалынып-жалбара бажылдап жатканына котолой наркы-терки жөөлөшкөн адамдар таң. Макан аларды ээрчитип көчөдөн көчөгө өтүп, бир ээнирээк ашканага алпарып стол толо тамак алды. Качан тигинисинен алперет деп ичкен тамактары деле аш болгон жок көрүнөт. Аны байкаган Макан:

– Самогону жок тамагыңардан өтпөй жатат го. Анан алперем. Азыр сүйлөшүп алалы, – деди.

– Жо-ок, аны деле ойлогон жокпуз. – Касым азга ыңгайсызданды эле, Бермет адатынча каршы сөзүн айтты:

– Жок деп коет, суксуңдап араң эле турбайсыңбы.

– Басчы жаагыңды, суксуңдаш сенден кийин.

Балээ башталып кетпесин деген Макан аларды тыйды:

– Тынчыраак мени уксаңар, менде маанилүү сөз бар. Ошону айтайын деп атайын издеп келгем.

Экөө тең кулак түрө калышты. Анан алперем деген самогон да эстеринде дечи. Макан сөзүн улады:

– Касым байке, сиздердин бул кымгуут шаарда жүргөнүңөрдөн пайда жок. Андан көрө айылыңарга барып оокат өткөргөнүңөр оң.

– Айылда суутуп коюптурбу, – деди Бермет жактырбай. – Барсак, кийин акча топтоп алып барабыз.

– Ооба, ошентпесек болбойт, – Касым аялына макул.

– Кана, ушуга чейин топтогон акчаңар, – деди Макан ачыгын айтып, – менин сөзүмдү жаман албагыла, акча топточу оюңарда болгону менен колуңардан келбей жатпайбы, же мен калп айтамбы?

Эрди-катын тамагын ичкен болуп үндөшкөн жок.

– Чын эле айылга барып эмне кылабыз? – деп баарын ушул билчүдөй болуп Макандан сурады Касым, – же ишибиз жок болсо.. .

– Иштеген кишиге иш табылат. Огород-жайды иштетип жан багып жатпайбы элдин баары эле. Бу жерде жүрөсүңөр, балдарыңардын көргөн күнү эмне болду?

Муну уккан экөө тең баш көтөрө калып, анан кайра шылкыйышты. Бүтө жаздаган тамагын ичалбай калышты. Аялга балдарынын сүрөтү келди окшойт, көзү нымдалышып барып ыйлап жиберди. Касым да зээни кейип турду. Алардын маанайын дароо баамдаган Макан боору ооруп да кети. Булар аны бир өлүмдөн алып калган, ага өмүр өткөнчө ыраазы дечи. Бирок ушул экөө уялаш агасы менен жеңесиндей көрүнүп турду. Ичкенден башка зыяны жок бу байкуштардын.. .

Тигилер тамагын ичип болгон соң машинеге салып жакшы делген мончолордун бирине алпарып, экөөнө эки бөлүп мочалка, самындарын, сүлгүлөрү менен кошо алпарып киргизип жиберип, өзү күтүп турду. Алар жоо куугандай бат эле чыгышты, арагы калып жатпайбы. Макан ошол эле мончонун жанындагы чакан кафеге баштай кирип, таза арагынан эки жүздөн бастырды. Анан базарга барышты, жашылча, эт, күрүч кылып, толгон нерсе алперип баягы жалдап жашаган үйүнө жеткирип:

– Эртең бир жакка кетип калбагыла, мен эрте келем, жумуш бар, – деп кете берди.

Эртеси Макан Касымдарга эрте келди. Экөө соо. Ичкенге акчасы жок өңдөнбөйбү. Макандын келгени булар үчүн майрам, жүрөк жарылчудай кубанышат. Бермет бат эле дасмал салып, кечээ базардан алынгандардан коюп, түндө жасаган күрүчүн жылытып, чай сунду. Качан чөнтөктөн акча сууруп, мобуга бир бөтөлкө апкеле коюңузчу деп айтар экен деп Касым күтөт, аялынын ою бир жерден чыгат, Макан башка сөз айтты:

– Тазараак кийинип алгыла, азыр базарга барабыз.

Экөөндө бапестеп алып мейманга барганда кийели деген кийимдери жок, ал убак илгери болчу. Турган турпаты менен экөөнү машинесине салып түз эле бомбага чейин сатчу килейген базарга алып келип аларга кийим тандады. Эки-үч саат кыдырып экөөнө эки сыйрадан кийим алды. Дароо эле үйүнө кайтышты. Макан өзү Касымды чечиндирип кычыраган костюмун кийгизди, аппак көйнөккө күрөң-кызыл галстугун байлады, күрөң туфлийди бутка тартты. Чүпүрөктүн касиетин кара, алекисаатта баягы шишип-көөп, ширедей катып, катындарды эмес, эркекти да жийиркенткен кебетеси татына болуп, сындуу тартып турбайбы. Эки эркек сыртка чыгып, аял кийинди, далайда чыкты короого, керемет келин болуп чыкты, кулпуруп чыкты. Экөөнү кайра салды машинесине алар менен кошо жадыраган Макан. Бир жерге токтоп бышылуу тамак-аштан кеңири алышты, бөтөлкө да унутулган жок. Машине шаардан чыгып чоң сууну бойлой кеткен жол менен керемет делчү карагай-кайыңы, түрдүү бадалдары жапжашыл болуп кулпурат, жайдын алгачкы мезгили эмеспи, кызыл-тазыл гүлдүн жайнаганын айтпа. Кыргыздык кылып улам тандап отурушуп, бир жерге отурушту. Алдыга тамак-аш жайылып, Макан бөтөлкөнү колго алганда эрди-катындын мурун эле эргип турган көңүлдөрү көкөлөп кетти, бейишке чыгып турушту. Касым далайдан айтылбай калган сөзүн айтты:

– Атаганат, ушу кыргызымдын жериндей керемет кооз жер болбос. Баркын билбей өтүп кетет турбайбызбы.. .

Макан жылмайып колундагы бөтөлкөнү көрсөттү:

– Мобул балакеттен кутулсак эле баркына жетмекпиз, байке.

Көптөн бери уяла элек Касымдын капкара өңү күрөң-кызылына тартып уялып кетти. Жооп бере алган жок. Бермет да кошо уялып, не сөз айтарын билбей эки-жагын каранып койду, а балким кирерге жер таппайбы.. .

Бу жаратылышың дегендин кызык касиети бар эмеспи, үйүндө желбечү тамактар дүңү менен желет, каткан нанды тоо суусуна жибитип жеген не керемет! Үчөө жай сүйлөшүп, жалаң жакшылык кууган жакшы сөздөн сүйлөшүп, алып келген тамактан тое жешти. Наркы-терки басышты. Бермет кучак толо гүл терди, көңүлү гүлдөй ачылды. Макан экөөнө тең эки жолудан ченеп куюп берген арактын кудурети кошул-ташыл, кайра отурушту. Дасмалдагы ар нерседен оозго салган болуп, сөзгө киришти. Бир маалда Бермет:

– Макан, чын эле сен айткандай биз айылга кетишибиз керек экен, – деди. – Балдарды аябай сагындым. Талаада калсак да балдарыбыз жаныбызда болгону жакшы экен.

Кечээ эле эртең менен Касым экөө бирөөнүн мүшөктөрүн ташышып эптеп баш жазышканда бу сөз Берметтин оюнда жок болчу. А балким зээнинде бар үчүн ушинтти го. Макан да таң калды аялдын сөзүнө. Ушул бойдон эле жосундарын оңдоп кетишчүдөй болуп турушканы менен арактын туткунунан дароо эле кайдан бошонсун. Макандын бул оюн Касым бышыктады:

– Мака, кана алдагыңдан дагы бирден куйбайсыңбы?

Макан экөөнө куюп берди эле токтотпой тартышты. Денесин да, көңүлүн да жылуулук магдыраткан Касым жанагы аялы айткан сөзгө кошулуп бышыктап турду:

– Бермет, сен жана туура айттың, айылга кетебиз. Мен да балдарды аябай сагындым.. . Жер иштетем, мал багам.. .

– Кайсы малыңды баккан атасың? – деди аялы, – сени келет эле деп туугандарың мал даярдатып коюппу.

– Ай, сен көп былжырабачы э, даярдап коюптур деген ким бар?! Тирүү турсам кураштырып албай жан жокпу, туурабы ыя, Макан? Баш аман болсо мал өзү эле келбейби.. .

– Келатат дейт.. . – Аялы дагы жактырбады.

– Азыр келатпаса да келет, эмне экен.. .

Аялы жооп бермекчи болгондо Макан озунуп кетти:

– Туура айтасыз, мал келет. Мен алперем малды.

Эрди-катын элеңдей түшүштү. Эки күндөн бери тамак-аш ооздон чыкканча сыйлап, бир эмес, экөөнө тең эки сыйра кийим алперип.. . Эми малдуу кылам дебатса.. . Эрди-катын кызара-бөртө уялып турушту.

– Кийин бай болуп кетсеңер мага да каралашып турасыңар да. Кез-кези барганда бирден козу союп берсеңер эле болду.

– Э ботом, сойбогондо, – деди Бермет.

– Бүт баарын жайлап салбаймынбы, – Касым аялын коштоду.

– Жалгыз келбей келинчегиң менен келсең, – деди Бермет тамашалай, – устукандарды ороп кеткенге.

Макан бирөө менен эзиле, дил койо сүйлөшүп жатканда гана унута салчу Нестанды дароо эстеди. Анысы арманга айланды. Ошо, баягы Бекен экөө барып, эмдиги жумада келебиз деп болжоп кеткен күнү баралбай калган, күнү-түнү Токендин өмүрүнөн коркуп жанынан чыкпай жүрбөдүбү. Анан дагы бир жума өткөндө Токенди төрт жигитине аябай какшап табыштап, кайда барарын жан кишиге билгизбей Нестандын үйүнө барган. «Нестан күйөөгө тийип кеткен. Эне-атасынын эркине көнбөй, «каалаганым ушу» деп күйөөгө өз билгениндей тийип кете берет тура азыркы кыздар» деп Сонун жооп берип узаткан Маканды.

Ошондо демигип, самап барган көңүлү кайт болуп, алгач арзыган адамына таарынып, биракта биротоло жек көрүп, ага болгон сезимин таштай катыра албай, кайра-кайра сагыныч, кусалык келип, келгенде баш бербей эсепсиз келип.. . артка кайткан. Урдум ошону, мага эмне кыз жокпу деп өзүн сооротчу ой да келген эмес. Андан кийин Токен каза болду, анын кайгысы жанагы элеси үлбүрөй келип жүрөгүн эзе берчү кызды унуттура албады. Ал жөнүндө мурда Бекен менен сүйлөшө калчу эле, азыр антпейт. Сагынычын, арманын жалгыз сактайт.. . Азыр бу Касым менен аялынын сөздөрүн угуп-укпай Нестандын элесин маңдайга тартты. Күйөөсүн кучактап эркелегени, анысына саамай чачын сылата жүзүнөн сүйдүргөнү да элестелип, бир силкинип алды. Ошол Нестандын айынан Сонун мастан жасаган окуя да келди эске, аз жерден камала жаздаган эмеспи.. .

Ошол Бекен экөө Нестанга барып Сонунга тапанча такаганда ал аял эсебин Шерге бердирем деп айылдаш бир рэкетиби, бандитиби, ошону издеп жүрүп таап айтканда, аның чын эле шер экен, дароо эле минткен: «Ал чилишти бут алдыңызга чөгөлөтөм, анан өмүр бою суу ичип жашаган майып кылам» деп.

Чыгымдуу немеби, Сонун арыздангандын эртеси эле ошол Шер деген эңгезердей капкара неме кочкул кызыл иномаркасын айдатып, дагы эки шериги менен төртөө болуп түз эле Бекендин үйүнө барышкан. Кышкүрөө эмес беле, Бекен мал-салына чөп салып короодо болчу. Машиненин сигналын угуп көчөгө чыкса эңгезердей төрт жигит түштү машинеден. Шер амандашпай эле күрсүлдөдү:

– Бекен деген неме сенсиңби, ыя?!

– Ии.. .

– Аялдарга тапанча такаган эргул досуң кайда?

– Кайсы аялдарга? – Бекен чын эле булар эмнени айтып жатканын түшүнгөн жок.

– Эмне анткорлоносуң, ыя?! Сонун деген эжекени атып салам деген немени айтам.

– Аа, Маканбы? Ал шаарда, ишинде. Агамдын фирмасында иштейт.

Ушинтип эч нерсени жашырбай эле айтып турду. Ага кошумча фирманын адресин кошо айтты. Тигилер кетти, «сага дагы келчү жумуш бар» дешип.

Алар кетери менен Бекен түшүндү, Сонун арызданып, булар өч алмакка келишкенин. Э кокуй, адреске чейин айтып бергени эмнеси?! Дароо үйгө чуркай кирип, шаарга, Токенге телефон чалып, болгон ишти Маканга айтып кой деди.

Тигилер келгенде Макан даяр эле.

– Макан деген сенсиңби? – Шер орто бойлуу сары чийкил жигитти өйдөдөн ылдый карады Макан бирөөлөр чакырып атат дегенинен эшикке чыкса.

– Эмне жумушуң бар эле Маканда?

– Макансыңбы дейм?! – деп эч нерсени тоотопой сүйлөп турган жигитке кыжыры кайнап кетти.

– Эй, жигит, эмне күрсүлдөйсүң?! Макан керек болсо мына менмин, эмне кылайын дейсиң?!

– Кылганды азыр көрөсүң, жүрү биз менен.. . Коркпойсуңбу?!

– Корком. Алдагы касапка сойчу букадай кебетеңден кантип коркпойм.

Бир районду өзү билип, мындай сөздү эч укпаган да, угам деп күтпөгөн да неме адегенде эси оогондой делдейе калды да, муштап жибере таштап араң кармады өзүн:

– Барасыңбы, мени менен?

– Кай жерге?

– Аны барганда көрөсүң.

– Кеттик!

Макан бир жигитин жанына салып, Шердин машинесинин артынан айдап кете берди. Шаардан чыгып дагы бир аз жүргөндөн кийин жолдон обочо жерге салынган жанында үйү бар мал сарайга келип токтошту. Үйдөн орус түспөл сапсары жигит чыгып, машинеден түшкөн Шер менен анын шериктерине эпилдей учурашып, үйгө киргиле деди эле, Шер:

– Анан киребиз, азыр тетиги немени тынчыта туралы. Өпкөдөн өпкө жок неме окшойт, энеңди.. . – деп Маканды көрсөтө аны беттей басты шашпай. Сапсары жигит үйүнө кирип кетти.

Макан жигити экөө машинесине жөлөнүп, эмне болсо да даярбыз дегендей камдуу турушкан. Шер бет маңдай келип Маканды тирижан деп санабай, а балким кол жоолукча көрбөйбү, басынта күпүлдөдү:

– Эй, энеңдурайын, тилиңди эми агытчы, ошол тилиңен асайын! Кана?!

Бул жерден сөзсүз бир кармаш болорун небак сезген Макан тигинин сөзүнө жооп кайтарган жок, илбирстей атырылып Шерге жетти да, илгиртпей туруп килейген немени жамбашка салып чаап алды. Ошол жерде муштумдан чоңураак таш жаткан экен, далысы дал ошого тийди. Тийгенде эле эси оогон. Аны Макан кайдан билсин, таштай муштуму тигинин тумшугуна бир эле кадалды. Эми ал биротоло дымы чыкпай калды. Шердин берки үч жигити жабыла качырды эле бирин Макан, экинчисин анын жигити жерге сулатышты. Үчүнчүсү оолактап кача берди. Дал ошол маалда «тарс» деген мылтыктын үнү чыкты. Жанагы үй ээси сапсары жигит эч нерсе боло электе эле мылтыгын көтөрүп чыккан тура. Маканды мээлеп атканы айталаага кетип, экинчи патрон салмакчы болуп жатты эле, Макан койнундагы тапанчасын сууруп чыгып кезей кыйкырды:

– Эй, энеңдурайын Кожожаш, мылтыгыңды ташта! Азыр как чекеңе ок кадалат!

Тиги экинчи кайталаткан жок, мылтыгын бут алдына ыргытты да, буйруксуз эле эки колун көтөрүп титирей туруп берди. Макандын жигити мылтыкты алып мындайрактагы столбонун бетонуна чапчы эле, мылтыгыңдын тамтыракайы чыгып кетти.

– Түшүр колуңду! – Макандын жигити тиги колун түшүргүчө болбой ээк талаштыра согуп калды эле, күрөлгөн күрткү карга башы менен бата түштү.

Шер бир маалда эсине келе калып, тапанчасын койнуна катып жаткан Маканды оңбогондой канжар менен качыра берди. Макан буйтап кетип, каптал жактан ичке тепти эле Шериңдин аты затына айкашпайт экен, бүк түштү. Канжар колдон түштү. Макан канжарды ала берип, турууга аракет кылып жаткан Шерди баса калып кекиртекке такады:

– Мууздап салайынбы, ыя, эшек?!

Тиги жанталаша тыбырады эле Макан канжардын мизин кекиртекке катуу басып алды. Кичине эле туура тартылса шылып кете турган канжардын мизи катуу басылган жер кыпкызыл сызык болуп дал ортороок жеринен сыбызгый кан акты.

– Мууздайынбы дейм, ыя? Же дагы жашай турасыңбы?! Эй, эшек, сага айтыбатам!

– Кечирип кой.. . – Шер ушинтип кырылдаганга араң жарады.

Үч шериги үч жерде турган. Макан Шердин үстүнөн туруп, аларды чакырды:

– Эй, эшектер, бери баскыла!

Тигилер бери басканда турмакчы болгон Шерди Макан ээк талаштыра тепти эле, ал дагы чалкадан түштү, тиги үчөө элтеңдей басып жакын келгенде:

– Бу чочкоңорду эмне кылайын, ыя? Тирүү калтырайынбы же?..

– Кечирип коюңуз, – деди бири, – экинчи сизге тийишпейбиз.. .

– Тирүү калсаңар тийишпейсиңер, эгер тирүү калбасаңарчы?!

Тигилер дудук болуп турушту. Макан сөзүн улады:

– Эгер дагы бирөөнө кордук көрсөтө турган болсоңор, анда күнүңөр бүттү дей бергиле, уктуңарбы, ыя, эшектер?!

Хор менен жооп беришти үчөө:

– Уктук.

– Уксаңар, бу чочкону тургузуп алгыла, кар үстүндө жата берип өлүп калбасын.

Үчөө Шерди жөлөп-таяп тургузушту. Бутуна араң турат.

– Монтировка барбы машинеңерде? – деди Макан жигиттердин биринен.

– Бар.

– Апкелчи, – Макан анын артынан кошо басып, тиги багажниктен алган монтировканы алды. Иномаркага көптөрү монтировка, ачкыч-мачкыч салбайт. Буларда бар тура.

Макан монтировканы салмактай кармап көрүп, Шердин жалтыраган иномаркасынын маңдайкы айнегин, андан соң арткы айнегин бырын-чырынын чыгара чапты, анан эки жагындагы күзгү ыргыды, мотор менен багажниктин копоттору монтировканын соккусунан тырыйып-бырыйып, тешилип, эми эле көз жоосун алып суктандыргандай болуп турган машиненин тамтыгы чыкты. Макан монтировканы ыргытып, көпкөндөрү көчүгүнөн чыга түшкөн төртөөнө келип:

– Эми мени жаман көрбөгүлө, машинеңерди дагы жакшылап «кооздогонго» убакыт тар, ушуга ыраазы болгула, – деп машинесине басты. Анан басып баратып кайрыла берип: – Эй, эшек, – деди Шерге, – ага айтам, буга айтам деп мурдуңдун маңкасын чубалтып көрүнгөнгө арызданып бышактабай эле кой, антсең дагы бирөөнүн убалына каласың. Эми соо-саламатта болгула, – Макан жигити экөө машинесине түшүп кете берди.. .

Азыр ушул окуяны ойлоду Макан. Ойго батып Касым менен аялынын эсепсиз сөздөрүнүн бирин укса бирин укпай отурган Маканга таарынган болду:

– Э ботом, бир эмес, эки жолу сурасам да жооп бербейсиң да, – колукту алсаң мени өкүл эне коесуңбу дейм?

– Коем, койбогондо.. . – деди Макан дароо эле.

– Жок дебейт дедим эле, рахмат сага, Мака, – деп Бермет ыраазы.

– Касым аба, Бермет жеңе, – деди Макан жана эле айтайын деген сөзүн эстеп, – эртең эле кеткиле айылыңарга, мен автобуска салып жиберем. Бала-чакага кийим-кечек, таттуу-паттуу алперейин. Бу жерде жүрө бергениңер болбойт. Анан он-он беш күндөн кийин барам. Ошондо калган ишти шашпай сүйлөшөрбүз, макулсуңарбы?

– Макул, – деди Касым.

– Туура айтасың, балдарга жетели тирүү кезибизде. – Бермет да бу ишти туура көрдү.

Дагы бир аз отуруп тамактан жеген болуп, анан кайра кайтышты. Макан буларга ишенип колдоруна акча берген жок, балдарга кийим менен таттуу-паттууну өз колу менен алып берди. Ошол күнү булар бир нерсенин үстүнөн чыкпасын деп чогуу конуп калды.

Эртеси эрте турушту. Эки-үч айдан бери төлөнбөй жаткан ижара акысы төлөндү. Анча-мынча идиш-аягы коробкага салынды. Жууркан-төшөгүн алдырган жок Макан. Алып кетчү деле оокат эмес болчу. Жети-сегиз таңгак, баштык, сумка кылып автовокзалга алып келип, белетин алып автобуска отургузуп, Касымдын чөнтөгүнө көп эмес акча салып, автобус ордунан жылганда гана кетти Макан.. .

***

Кулан өзү айткандай, эч кандай шаан-шөкөтү жок эле Нестанды аял кылып алды. Илгери тирүү аялынын үстүнө дагы бирди алса токол дечү эмес беле, ошондой айтканда Нестан токол болду.. .

Сонун анын жанын суура шаштырып алып келгенде Куландын үйүндө кажы-кужу деле эл жок экен. Ким бир бөтөлкө самогон койсо бар оокатын жасап жүрө берчү отуздардагы жигит түш маал коюн союп казанга түшүрдү. Эт бир кайнаганда Нестанды түшүрүп, дагы бир самогон менен санаалаш Куланга тууган болуп кеткен күлтүңдөгөн келин кыздын башына жоолук салып, тамакка толгон дасторкондун бир четине отургузуп койду. Аз өтпөй өмүр бою ичип, «алкаш» наамын алып, ал «ат» менен он жылдай жүрүп, арагын тык токтотуп молдо болуп чыга келген айылдык мурунку мугалим неме келип төргө өттү. Дасторкон үстүндө ошол молдо, Сонун, Кулан, Нестан анан анын башына жоолук салган жанагы күлтүңдөгөн келин. Эт бышырган неме кирген жок. Бир-эки чыныдан чай ичилгенден кийин молдоке Нестан менен Куланды катар отургузуп нике кыюу расмисин жасады. Мындай караган адамга бу эрди-катын болуп отурган экөө чоң ата менен небереге окшошуп кетмек. «Туттуңбу» деген молдонун эки-үч курдай суроосун Нестан жоопсуз калтырып жер тиктей мелтейди, жок, көгөрүп көкбеттик кылган жок. Бул тозок окуя анын эмес, башка бирөөнүн башынан өтүп жаткандай сезди.

– Тутту, тутту. Антпесе кайда бармак эле, – деди Сонун Нестанга каардуу да, мыскылдай карап, – тутпаса бу жерге өзү келет беле.

– Ооба десеңиз, – деди молдо бата кылып, – мындан ары экөөңөрдү эрди-катын кылып жарыялайм. Алдыңарды бала, артыңарды мал бассын, оомийин!

Негизги маселе бүтүп, эми той-тойго уланды. Кулан, Сонун, күлтүңдөгөн келин үчөө тынымсыз тостторду айтып эт бышкыча эле чоң кызуу абалга жетишти. Бир маалда сыртта эт бышырып жүргөн неме келди да, эттин небак бышканын, эзилип кеткенин араңдан зорго айтып, чыгар дегенди угуп, аз өтпөй килейген чара этти көтөрүп келди. Аны башка бөлмөгө кирип жешти. Оозуна бир тал боорсок салбай, жарым ууртам чай ичпей отурган Нестанды эч кимиси жүрү деген жок. Биртоптон кийин жанагы келин келди бир тарелка эт көтөрүп:

– Ме, акем берди. Сенсиз тамагынан өтпөй жатпайбы, байкуштун. Анан кантсин, бир билгени бар чыгар, ха-ха-ха, – деп шаңкылдай кайра кетти. Нестандын эттин жытынан жүрөгү айланып кетти, кускусу келди. Бу жерде эмне отурат. Эмне отурат тааныбаган үйдө. Жанагы карыган киши күйөөсү болобу? Кантип эле ошондой болсун. Мен ага күйөөгө чыкпайм деп эмнеге айтпайт. Баягы колуна шакек кийгизген жигит «алтыным» дебеди беле, «сени эч кимге бербейм» дебеди беле.. . Ушул жерге келатканда айткан Сонундун сөзү чын болсо, анда ал жигит жеткен алдамчы неме тура. «Мен кызыңарды жөн эле тамаша кылгам, жаткан кыздарымдын санына кошуп коеюн дегем» дептир. Ошенткеним үчүн кечирип койгула деген турбайбы Сонунга. Шакек бердим эле, ошону Сиз алып алыңыз деген турбайбы. Жакында аял алам, сизди үйлөнүү тоюма чакырам деген турбайбы.. . Ушулар Нестандын кулагын жаңыртты. Ошол татына жигит татына кийинип, аппак кийинген колуктусун колтуктап, толгон кишилердин коштоосунда кетип баратканын элестетти. Андайды кинолордон көргөн. Ошол жигит колуна шакек салганда өзүн колуктусу кылып элестеткен. Аппак көйнөкчөн, колунда да аппак мээлей болот, элдин көзүнчө жигитке жабышпай бир аз алысыраак басыш керек. Кыналып басса уяты жок экен деп ойлобойбу. Экөө борборго кетишет, этаж үйдө жашайт.. . Бул эски ою болчу. Азыр кайра жаңырып, ошол сонун ою жанын жыргатып жиберди. Анан Сонундан уккан сөз келди эсине: «Сени жөн эле тамаша кылыптыр, мазактагысы келген тура, өлүгүңдү көрөйүн бандит! Ал зордукталган кызыңарды ит да албайт дебатпайбы, өлүгүңдү көрөйүн!» Ушул сөз Нестанга ок болуп тийген, сыртынан билинбегени менен бул сөз жүрөгүн жарып кеткен.

Он бир-он эки жашынан жакшылыктын ордуна Сонундун каары, заары менен чоңоюп, бойго жеткенче анын токмогун жеген бу үлбүрөк кыз эликтей элтеңдеп өскөн неме да, өз башына келген жамандыкка, наадандыкка эч кандай каршылык кыла алмак эмес. Колунан да, оюнан да келбейт эле. Ушу атамдай болгон немеге аял болгончо, өлгөнүм артык деп да ойлогон жок. Көңүлдөнбөй гана турду, көнбөй турган жок. Антсе башына салган жоолукту жулуп ыргытып, ээ-жаа бербей чакчелекей түшүрбөйт беле десең, көшөгөсүнө чейин тытып ыргытып. Баса, буга көшөгө да тартылбады, а дагы буюрбаптыр.. .

– Ай, жеңе, жүрү кыз-күйөө камын көрүп койдум, өз колум менен салдым, – деп жанагы күлтүйгөн келин киргенде Нестан селт этти. Келиндин жетегине көнүп басып берди. Ал бир бөлмөгө жетелей кирип, дал ортого салынган аппак шейшептүү калың төшөктү көрсөттү:

– Чечинип жата бер. Жанагы эжеңби эмнең, ошол кудагыйдын эс алайын деген ою жок. Акемдин да чыдамы кетип турат окшойт жаныңдан орун алалбай. Орун алгыла дейин. Ботом, кыз-күйөөнү зарыктырганы эмнеси.. . – Келин бакылдашкан бөлмөгө кирип, акесине бирдеме деп шыбырады эле, анысы баш ийкей айтты Сонунга:

– Сонунбай, эми эс алалы, калган сөздү эртең да сүйлөшүп аларбыз. Эми чырмалышкан куда болбодукпу. Келин да шаштырып.. .

Сонун күүсүндө болчу, Куландын сөзүн такыр жактырган жок:

– Э ботом, кеч эми эле кирбедиби. Кыштын күнү түн узун эмеспи, катындан көзүңүз каткандай деле боло элек го.. . Келин шашса иши бардыр күйөөсүндө, кете берсин да.

Келин Сонундун сөзүнө жини келди, өзү эле тилдүү неме эле, анан далайды соккон неме тартынбай шыр кетти:

– Ай, сиз деги кандай немесиз? Катынды апкелген өзүңүз, анан даяр апкелип берген неме менен жатпайбы эри болуп нике кыйылгандан кийин. Күйөөмдө ишим бары чын, азыр иштен чыгып кала элекмин. Муну көр ай! Жаманды коногу бийлейт болуп. Деле бүтүн кыз алып келгенсип сүйлөйт!

– Тарта сүйлө. Талаада жаткан кыз жок. Чолпондой кызыбызды берип жатабыз. Эмине адыраңдайсың, ыя?! – Сонун обдула берди эле келин да кошо обдулду. Кулан да, жанагы эт бышырган жигит да ортого түшө калышты. Эки катын аз жерден чачташа жаздады.

– Сен кете берчи, кудагый деп сыйлап койсоң болбойбу, кудай урган десе! – деп Кулан келинге ачууланды эле, ал:

– Мен деген сыйлачу кишини сыйлайм. Бирөөнүн үйүнө келип алып былжырагандарды сыйлай албайм! – деп алдында турган стакан толо аракты бир тартты да, эшикти тарс жаап кетип калды.

– Жатпасаңар сыйпалап калгыла, сволучтар десе!

Ал келиндин артынан нормасын жутуп эт бышырган жигит да кетти. Көрүнгөндөн сурап, оокатын жасап көз каранды болуп ичкен неме жалтак эле, уруш болгон жерден жылт койчу.

Кулан менен Сонун жалгыз калышты. Молдоке болсо устуканын олчойто ороп алып небак эле кеткен.

– Ии, тигинин ысык төшөгүнө жете албай жаның чыгып атабы? Эртең эле муздайт, шаштыңбы-шашпадыңбы, – деди Сонун. – Же кайра алып кетип калайынбы, ыя?!

– Тамашаңды койсоңчу. Карыганда элге шерменде болбоюмбу.. . Шашпай-этпей эле турам. А кайда качар дейсиң?

– Ии, ошентип оңолсоң кичине. Бүгүн экөөбүз болобуз.

Кулан чочуп кетти:

– Э кокуй, уят го.. .

– Кимге уят? Ким көрүп атыптыр.. . Кана, куйбайсыңбы.

Экөө жүздөн согушкан соң Сонун дасторконду жыйнабай эле ылдый тартып төр жакка Нестан отурган үйдө жыйылган төшөктөн апкелип мамык төшөк салды. Кызуу немелер эмне кылды ким билет, айтор, эртең менен бир төшөктөн турушту.. .

Нестан болсо таң атканча кирпик көзүн ирмеген жок, баягы Жанышка окшоп кирип келчү немени элеңдей күтүп төшөктүн четинде отурду, көзү илинип кетсе чочуй калып.. .

Эртеси Кулан эрте туруп жуунуп, таранды. Сакалын кылдат кырынып, буркураган атырын куюнду. Көгала чачына май сүйкөп жылтырата тарады. Түндө эле кийиминин жакшысын кийип жүргөн, көйнөгү бүгүн купулуна толбой, башкасын кийди, бир жакка бара тургансып галстук байланды, күзгүнүн алдынан сан ирет өттү. Эми көрүнүшүм мыкты болду деп ойлоп, акырын Нестан жаткан бөлмөгө башбакты. Аны көргөн Нестан селт эте карышкырдан коргологон коенчо бүрүшө жыйрылып, бир коркунучту күткөндөй денесин азга калтырак басты.

– Коркпо, – деди Кулан төшөктүн бир жагына өтө көрпөгө отуруп, – мен сага эч нерсе кылбайм. Эмне, уктаган жоксуңбу?

Нестан аны караган жок, жооп да бербеди.

– Меймандар менен болдум таң атканча. Аларды таштап сенин жаныңа келгенден уялдым.. . Эми экөөбүз бир бүлө болдук, Нестанжан, бири-бирибизди сыйлашып жашашыбыз керек. Бул үй да, үй ичиндеги дүнүйө-мүлк да, мал-сал да сеники. Баары сеники, Нестанжан.. . – ушул маанидеги сөздөн Кулан шурудай тизип, улам жакшысын, мыктысын издеп айтып турду.

Нестан анын сөзүн көңүл токтотуп уккан жок, ар нерсенин башын ойлойт, жыйынтыктуу, үмүттүү ою жок, чачынды, маанисиз. Суусап турду, ачкалыгын сезди. Кулан сөзүн улайт:

– Бир-эки жумадан кийин шаарга барып эс алып келебиз. Жер көрсөтөм, эл көрсөтөм. Баргың келеби, ыя, Нестанжан?

Нестанжаны дале жооп бербеди. Айтылган сөз башына кирбесе эмне жооп бермек. Дал ошол маалда Сонун кирди:

– Ии, эзилишип жаткан экенсиңер, мишайт эткен жокмунбу, ыя?

– Жок-жок, , – Кулан ордунан тура калды. Сонун Нестанга акырайды:

– Ай, олчоюп отура бербей, тиги үйдөгү дасмалды жыйна, чай-пай даярда.

Нестан олчойбой калсын, үлбүрөп ордунан туруп берки бөлмөгө өтүп дасторкон жыйноого киришти. Кайсы жерге эмне коюлат, кайсы бөлмө эмне бөлмө дегенди Кулан кошо жүрүп айтып жатат. Куландын үйү жалаң арам акча менен бүткөн заңгыраган 7-8 бөлмөлүү. Ичи оокатка толгон. Музейдегидей баары орду-ордунда турат.

Чакан дасторкон салынып үйгө чайга отурушту. Нестан чай куюп берип отурат. Бир чыны чай ичти, суусап турган. Экинчи куйган жок өзүнө. Аны байкаган Кулан:

– Нестанжан, өзүңө да куйсаң чайдан, – деп кам көрүп турду.

– Ичкиси келсе сенден суратпай эле ичет, – деди Сонун Куланды жактырбай. – Тамак дегенди айттырбай ичип өскөн биздин кыз.

Чынында Нестан өп-чап эле иччү тамакты. Сонундун заар тили менен бой тарткан неменин тамакка табити тартчу эмес. Сонун жокто бир чыны карандай чай ичсе да ошол даамдуу көрүнчү.. .

Нестан экинчи чынысын куйган жок. Жер тиктей мелтиреп отура берди. Экөө эми өз сөздөрүнө өтүштү.

– Мен эми кетейин, – деди Сонун. – Сөзгө туруп муну өз колум менен алып келип бердим. Калганын өзүң бил. Ачуу басар, той-пой дегендин кереги жок дебедикпи.

– Ооба-ооба, , узатчымды камдап койгом, – Кулан костюмунун ички чөнтөгүнөн ырзыңке менен арчындалган калың акчаны алып чыгып Сонунга сунду эле, ал дароо санаганга өттү. Эки сыйра санады да:

– Болгону ушубу? – деди акчаны алдыга таштап. – Көчөдө жаткан кыз бар бекен эмне?!

– Дагынкысы дагы болор, Сонунтай, акча аяп көргөн жан эмесмин го.

– Абышкама ушуну уялбай кантип көтөрүп барам? Уй деле мындан кымбатыраак турат го, ботом.. .

Кулан эмне жооп айтарын билбей бир аз түйшөлдү да минтти:

– Уй демекчи, эмдиги базарда бир эмес, эки уй сатам. Ошондо кошоюн.

– Кошпо, чогуусу менен бер. Э кокуй, кошоюн дегениң эмне?!

– Болуптур, – деди Кулан жеңилип, – базар күнү түштөн кийин келип алып кет. Өзүм алпарсам уят го.. .

– Мен эле келейин. – Сонун бата кылып ордунан турду да, Нестанды көрсөтө айтты: – Муну дайыны жок чалчактатпай катуу кармабасаң, өз билгенин жасап баарынын ышмалдасын чыгарат, – деди Куланга.

Үйүндө күңдөй жумшап, каалагандай кемсинтип, эзип, ошонусунан кадимкидей кумары канып көнгөн Сонундун Нестанды бу жерге калтырып кетери кыйын болду. Бу кызды жек көрсө да, жининдей көрсө да, баалуу, өтө керектүү нерсесинен айрылгандай абалда эле. Болору болгондон кийин айла барбы. Сонун кетти, кечээки машине менен.

Кулан аны машинеге салып коштошуп келгенден кийин дасторконго кайра отурду:

– Нестанжан, чайыңан куйсаң, «өзбек кетип өз калды» дегендей, эми экөөбүз шашпай чай ичели.

Нестан чай куюп сунду. Кулан аны элпек алып ууртады:

– Өзүңө да куй, Нестанжан. Уялба. Бу жерде кимден уялмак элең. Мындан ары менден таптакыр уялба, эми экөөбүз бир кишибиз. Нике кыйылбадыбы, нике деген ыйык нерсе болот. Сен аял, мен күйөөсү болдум. Эми экөөбүз бир кишибиз. Угубатасыңбы, Нестанжан, экөөбүз эми бир бүлөбүз. Өлөр-өлгөнчө бирге болобуз. Мен сени эч качан кор кылбайм. Айттым го сага, бул үй, короо-жай, мал-сал – бүт сеники. Сенден эчтеке аябайм, Нестанжан. Мени сыйлап жашасаң эле болду. Андан башканын мага кереги жок, – деп жан-алы калбайт. Бу татына кыздын бет маңдайына отуруп, анын аппак өңүнө, үлбүрөгөн кебетесине суктанып, «ушул керемет чын эле меникиби» деген суроону өзүнө сан ирет берип, өзүнүкү экенине ишенип-ишене албай жатат. Дене кумары келип, мына-мына ыргып туруп бу жаш аялын камгактай көтөрүп, түндө ачылбай калган төшөккө алпарып уйпалап, кумардан чыккысы бар. Анан кайра батына албай, бу татына кыз эми эч кайда качпай турганын, түбөлүк өзүнүкү болуп жүрөрүн ойлоп, делөөрүсүн басат. Шашпайынчы дейт. Күн кыска, эми эле түн кирбейби дейт.. .

Ошентип Кулан али искей элек колуктусуна суктанып, сугуна тойбой эзилип-эрип кете таштап, жыргап атканда түндөгү күлтүйгөн келин келди:

– Амансызбы, аке!

– Аманчылык, кел, келегой, – Кулан келинге ылдыйраактан орун көрсөтүп, анан күйөө өңдөнүп Нестанга айтты: – Чай куй жеңеңе, – бул сөздү айтып алып кап деп калды. Жолу боюнча Нестан жеңе болот да. Ка-ап, туура эмес айтып алганын кара. Келин күлдү:

– Э аке, мен жеңе болмок белем, ботом. Бу жеңем мага жеңе болбойбу.. .

– Туура айтасың. Карыганда киши байкабай айтып алат турбайбы, – Кулан дагы селт этти. Дагы жаңылганын сезди. «Карыганда» дегени эмнеси, иттики. Кашыңда жапжаш, чүрөктөй сулуу колуктуң турса, карыдым дегени эмнеси. Бу жаңылганын кантип жандырарды билбей калды Кулан. А Нестандын бу казысы кучак неменин карыган-карыбаганы менен жумушу жок болчу. Чай куюп абысынына сунду.

– Нестантай, тиги шкафтагы бөтөлкөңдөн алып келчи, Батманын башы ооруп калган чыгар, – деди Кулан.

Нестан туруп бөтөлкө, стакандарды алып келип Батманын алдына койду эле, аны Кулан алып келин экөөнө куйду.

– Бала-чакаңар бапырап шаар болсун, аке, өмүр өткөнчө ынтымактуу кол кармашып жүргүлө, – деди Батма стаканын көтөрөрдө. Кулан да ичти. Ашкан эттен жешти. Бир маалда Батма Куландан сурады:

– Аке, жеңемди карап койдуңарбы?

– Каралаар, – деди Кулан кабагын чытып, – а да бир азап болду го.. .

– Тагдырдан кайда качмакпыз.. . Кой, мен барып карайын.

Куландын байбичеси шал болуп жатат эмеспи. Колу гана эптеп кыймылга келген болот, бирок эч нерсе кармай албайт. Ичирип-чычырганы башкалар. Бир жумадан бери аны Батма карайт. Мурун да карачу. Кезектешип карабаса бир кишинин чыдаганы кыйын. Айла жоктун иши. Өзү шал болуп жатканы менен акылы тунук. Мыкты аял деп токтоолугуна, адамдыгына, жаман-жакшыны ажырата билгенине, анан ак көңүлдүгүнө карап айтылат. Ушул алтымыштан өткөнчө бир да бирөөнө жаман айтпады, бир да бирөөнө жамандык кылбады, антмек турсун оюна келбеди. Күйөөсү Кулан болсо өмүр бою көпкөн турмуштун үстүндө болуп келет. Жүрбөгөн катыны жок. Анын баарын көтөрүп келди бу байбиче. Аты – Кенже. Улуу-кичүү дебей Кенжеке деп турушчу эле. Эми алардын аягы суюлду. Бирин-экин адамгерчиликтүүлөрү көргөн болбосо, көптөрү келбей калган. Колу-буту соо кезде келген адамга тамак-ашын жайната берип, курсагын тойгузбай чыгарчу эмес. Балдары көп болуп, өп-чап жашагандарга ун, талкан, май-чайына чейин кайрылышчу. Кудайга несинен жазды экен, минтип шал кылып. Кырк жыл ашуун жашап, жакасын кирдетпей, кийимине чаң жугузбай, жүргөн аялдарын да көңүлгө албай бир өйдө карап койбой жашап келбеди беле, күйөөсү менен. Шал болуп төшөктө бут тарта албай жатып калгандан аз өтпөй «бу сен качан өлөсүңгө» өттү, ошол бапестеген күйөөсү. Анысы аз келгенсип, шаардагы эрке өскөн далдаке кызы күйүмсүз болду.

Кез-кези аны-мунусун алып келип «иш күйүп» атат деп кайра шашат. Энесине күйбөй, ишине күйгөн ушундай кыз болуптур, боору таш. Кээде богу-жини аралашып кароосуз калган күндөрү өлөрүн санайт. Асынып өлөргө шай жок болсо, кантип өлдү?! Бир ирет Кулан кызымтал болуп алып, анда шаарда турушчу, сүлкүлдөгөн бир келин менен келип, төркү үйгө кирип алышып үч-төрт саат ичип-жешип, анан Кулан аны узатып коем деп эртеси келгенде Кенженин оозунан чыгып кеткен: «Кудай көрсөтөөр» деп. Башка сөз айткан эмес. Кудай Куланга эмес, өзүнө көрсөттү окшобойбу. Былтыр энеси сексендин жоон ортосунда каза болгондо кабар келген. Өзү кантип баралмак. Сопсоо туруп жаман да болсо кайненем эмеспи деп Кулан барып топурак салбады. Арманы ушул. Жаман да болсо бир эркек баласы болсо «таенелеп» өкүрүп барып топурак салып келбейт беле, соолгурдуку! Көрүнгөнгө кор кылбай келини карап албайт беле. Арман күн аа! Күндөн-күнгө ушундай арманы денеге батпай сүлүк курттай сорот, өзөгү өрттөнөт. Үмүтсүз ойлор, жакшылык жок ойлор. Көзү өтүп кетсе эл катары коер бекен жанагы өлүм тилеген күйөөсү. «Эжекелеп» турчу инилери да жок, эки сиңдиси бар эптеп оокат кылган. Эркектанадан айтпаптыр да булардын тукумуна. Эркек демекчи, ооруп жатып кала электе деле, кийин деле «эркек төрөп бербеген сен да катынсыңбы» деп жер-жеберине жетип келет. Кудай бербеген немени кантти?! Ушинтип эзилет Кенже.. . Таң заардан ойгонуп бир жагынан заарасы кыстап, бир жагынан таңдай кургай суусап айласы кетип жаткан. Батма кирди:

– Кандайсыз, жеңе?

– Кандайы курусун, заарам толуп.. .

– Жакшы эле эрте келейин дедим эле, кечигип калбадымбы. Анын үстүнө түндө да кеч жатпадыкпы, нике кыйылып, анан эт бышып.. . – Батма Кенжени жөлөй тургузуп, керебетинин алдындагы илегенди алып чыгып жөлөп-тайай заара кылдырды. Суусаганын айтты эле, муздак чайдан апкелип берди. Жаздыгын керебетинин башына бийигирээк жаздап, ага жөлөй отургузду. Анан түндөгү калган эттен апкелип, аздан кесип жедирди, сорпо ысытып келип ичирди. Чынында Батма балтаңдаган ак көңүл неме болчу. Ушу караганда Кенженин көңүлү бир аз алаксып калат. Анан акчага караган немелер келип тултуңдай-бултуңдай кыймылдаганда көңүлү айнып бугу ичине батпай кетет. А бу Батма менен баарын жашырбай сүйлөшө алат. Азыр сурап турду:

– Нике кыйылып кеч жаттык дейсиңби, кимиси келин алыптыр, ыя, Батма?

– Кимиси дегениңиз эмне, э ботом, жеңе, акем аял албадыбы.. .

– Кайсы акең?

– Кайсы акем болмок эле, Кулан аке да.. .

Кенженин жансыз денеси дүр этти. Эмне эле эки күндөн бери бир баш багып койбойт десе, көрсө.. . Ичи тарып, намыстанып кетти.

– Кайдагы немени алыптыр? – деп араңдан-зорго жийиркенип жатып сурады Кенже.

– Кайдан экенин билбейм. Кенедей кыз экен, бечара. Энесимин деп бир улкунуп-жулкунган немеси жеткирип келди. Бир күйөөгө тийип чыккан неме го кебетеси.. .

Кенже көзүн жуумп алды, ич күйдүлүгү, арманы аралашты, аялдык намысы удургуду.. . Азыр тура калып албууттанып барып күйөөсүн алка-жакадан алып, абийирин айрандай кетирип, анын катынпоз экенин, айбан экенин бүт журтка жар салса.. . Ээ, куураган дүйнө, денең өзүңө баш бербей, тамак ичкенди кой, заара ушатууга жарабай турса кайдагы чууну салды?! Бугун баса албай калды, мөлт эткен жашы көзүн ачтырды. Жанында ар нерседен сүйлөп отурган Батманын кебин уккан жок. Тиги Кенженин көз жашын сүлгү менен аарчып койду:

– Э жеңе, эмнеге ыйлайсың, кайра сүйүнбөйсүңбү. Өзүңө каралашканга жакшы эле болбодубу. Каалагандай жумшап аласың.. .

– Жумшаганы да курусунчу.. .

Батма эртең менен баш жазбады беле, көңүлү көтөрүңкү, бу аргасыз жаткан жеңесинин арман-бугу менен кандай иши болсун.

– Э жеңе, берки жеңемди алып келип көрсөтөйүн, көрүндүгүңүздү камдап туруңуз, – деп сыртка чыгып кетти.

Бу сөз Кенжени ого бетер сыздатып жиберди. Сыздай берет, өзөгү өрттөнө берет өлөрүн самап жата берет. Бу жарыкчылыкта кимге таянмак, арманын бөлүшчү, көкүрөк көлкүлдөтө жакшы сөз айтчу жакын адамың жок болсо, жата бер кыйноо тартып.. . Атаганат де, ошондо уялган тура, ошондо жаңылган тура, э кокуй, элдин бетин кантип карайм деген тура.. . Темираалыны эстеди. Жосуну жолдо калсын, ошону көргүсү келди, сагынган сымал улутуна эстеди, эстегенде да.. .

Анда Кенженин болуп турган кези. Отуздун жоон ортосунда эле. Мектепте иштечү. Апыр-сапыр толо кийим албай тандап кийчү. Өңү татына, тулкусу келишкен акжуумал өңүнө кандай кийим алса да куп жарашып жатып калчу. Далай эркектин көзү анын келбетине тешилген эмеспи, кезинде. Бир ирет жаңы эле башка жерден которулуп келген мектептин завучу Темираалы деген арыкчырай, шыңга бой жигит уялбай-этпей эле: «Мен сизди жакшы көрөм» деп контордон түз эле айтканда, отурган жеринен жерге кирип кете таштаган. Анан эти ымыр-чымыр болуп, бети кызара дуулдай ысып чыккан. Ошол «мен сизди жакшы көрөм» деген сөз опсуз суук угулуп, жүрөктү түшүрө коркунучтуу угулуп, «уятың жок неме турбайсыңбы, мен эмне, сага бойдок кыз көрүнүп жатамбы, же бузулган неме бекемин?!» дегенди айтсам болмок экен деп үйүнө кетип баратып ойлоп жатпайбы. «Мен сени сүйүп калдым» деген сөздү сан ирет айтып жүрүп Кулан үйлөнгөн эмеспи. Ырасында Кулан адегенде жакшы көрчү, анан беш-алты жылдан кийин эркелеткенин да, сыйлаганын да койду. Кызмат орду чоңойгон сайын ага болгон сезими суугандай боло берди. Үйгө түнөбөй, «иш менен, өкмөттүк зарыл иш менен» жүргөн күндөрү көбөйдү. Үйүндө аялы барбы, жокпу – баш оорутпай калган. Кенже болсо аны жактырып тийгени менен, кийин жөн гана күйөөсү катары көрүп калган. Эч кандай жүрөк дегдеткен сезими жок эле.. .

Темираалынын «жакшы көрөмүн» уккандан кийин аны биротоло жаман көрүп жүрдү. Жигит да аны сезип, өзүн обочо кармайт. Бир күнү сабагын бүтүп конторго класстык журналды коеюн деп кирсе, Темираалы жанына келип бажырайган кыпкызыл роза гүлүн сунуп:

– Туулган күнүңүз менен, – деп жатпайбы.

Кызык болуп кетти Кенже. Сунулган гүлдү айласыз алып, ооз учунан «рахмат» деди да, сыртка шашты. Туулган күн дегенди өмүрү белгилеп, шаан-шөкөттөнүп көргөн эмес. Куландан да, башкадан да эзели гүл алган эмес. Сүйлөшүп жүргөндө атыр-патыр сыяктуу белектерди берчү. Үйүнө келип гүлдү вазага салып койду. Кечинде Кулан үйгө келип ошол гүлдү көрүп «бу эмне гүл, ким берди?» деп сураган да жок. Аз мурун көңүлдөшү менен тоо таяна эс алып, ошол эс алгандан чарчап түшкөн. Табы болбой турганын айтып, эрте эле жатып алды.

Ошол гүл алгандан бир айча өткөндөн кийин Темираалы үйүнө кетип аткан Кенжени узата басты. Облборбор аталчу бу чакан шаарда жашагандар бири-бирин жакшы билишет, жакшы болбосо да сыртынан таанышат. Кошо баскан Темираалыны өзүнчө бас деп кантип айтмак, уялып, тартынып араң кадам шилтейт. Аялдын ал-абалын айттырбай сезген Темираалы ачык эле айтты:

– Кенже, мени менен баскандан уялып жатасың, көрүп турам, мен тетиги дүкөндөн бурулам. Момуну берейин деп эле басып калдым. – Жигит костюмунун төш чөнтөгүнөн калың конверт сууруп Кенжеге берди. – Окуп кой, окубайм десең тытып кой. Бир айтарым – эмне жазсам да жасалмасы жок чынын жаздым, – деп өзү айткан дүкөн туштан бурулуп кетти.

Кызык, Кенже колундагы катты сумкасына ката салып, азыр ушул жерден эле окугусу келди, көңүлү түшкөн жигиттен алгачкы кат алгансып, алеп-желеп боло жаздады. Үйүнө ылдамдай жетип, эшигин ачып эле сумкасындагы катты алды. «Кенже, эгерде ушул жазгандарымды окуп калсаң, шашпай, кунт коюп оку. Эң чоң өтүнүчүм – мени жек көрбөй оку.. . » деп өзүнүн баскан жолун аздап айтыптыр. Он сегиз жашында үйлөнүп, отузга чыкканда ажырашып кетиптир. «Колуктумдун кадырына жете албай койдум» дейт. Мына, жети жылдан бери бой жашайт экен, үч эркек баласына каралашып турарын да жазыптыр. Булар айтылып бүткөндөн кийин Кенжени бир көрүп эле сүйүп, жактырып калганын кыска жазып, андан эч нерсени суранбаптыр. Ошол катты Кенже туура үч жолу окуду, анан өрттөп салмакчы болуп ширеңке алып, кайра ал оюнан кайтты. Уктоочу бөлмөсүнө кирип, өзү майда-чүйдө салчу чакан шкафынын суурмасына салып койду. Ал кат кечинде да, эртеси да бир топ жолу окулду. Анан бир күнү кат өрттөлдү, балакет болуп бирде-жарымы окуп калса абийир кетпейби деп ошентти. Ал катты алгандан кийин баягы Темираалы көзүнө жакшы көрүнчү болду. Анын мамилеси да өзүнө бапестей жасалчу. Ошол өздөрү менен иштеген бир-эки келин, анан жаңы эле окууну бүтүп иштей баштаган мөлтүрөгөн жапжаш кыз да Темираалыны жактырып жүрүштү. Бирок жигит бир да бирөөнө көңүл токтотподу, бирөөнү да жүрөгүн ээлеткен жок. Күндөн күнгө Кенжеге болгон берилүүсү артты. Жанагы эки келин күйөөлөрү болгон менен алам десе ошо күнү баса бермек, өзүнөн он беш жаш кичүү кыз да эч нерсени карабай аял болуп бермек Темираалыга. Анын көңүлүндө Кенже гана жашап жүрдү. Баягы бир ирет «жакшы көрөм» деп айтканы, катка жазганы боюнча экинчи жолу аны айткан жок. Айтпай, кайталабай сүйүүсүн ичинде бапестеп, ичинен бышырып, анысы мамилесинен, көз карашынан гана дааналанып жүрдү. Кийин, үч жыл өткөндөн кийин Темираалы борборго жогорку окуу жайлардын бирине мугалим болуп которулуп кетти. Бир ирет телефон чалды эле. Кенже: «Эгерде мени сыйласаң экинчи телефон чалба» дегенден кийин байланыш болгон жок. Бул сөздү Кенже аны жаман көргөндөн, болбосо сүйлөшкүсү келбегенден эмес, чогуу иштешкендердин ушагынан чочуп айткан, Темираалы болсо башкача түшүндү: «Мага асылганыңды кой, мен сени жакшы көрө албайм, байланышкым келбейт» деген сымал. Ошону менен Темираалыны көргөн жок. Аны сүйүп-күйбөсө да ушунча жыл эсинен кетирген жок. Токтоо, татына жигиттин элеси эмдигиче көз алдыда. Аны менен көңүлдөш болсом, же тийип алып чогуу жашасам деген ою таптакыр жок болгону менен, аны эстегени карыбады. Кийин Кенженин бир группалашы кезигип, Темираалы экөө бир кафедрада иштерин, Кенжени дале жакшы көрөрүн, өмүр өткүчө унуталбайм го дегенин айтканда, Кенженин ал жигитти көргүсү келгени, бир баскысы келгени бар.. .

Эми абышкасы аял алды деп укканда ошол керилген жигит эсине келди. Ачуусунга алдырды: «Бу айбанга ак элем, ошондо эле тигиге кетип калбай не болду, эч болбоду дегенде эркек кылып байланышып албай не?!» Ушул тапта ал Темираалыны сагынып турду, ошондон жардам сурап турду, ушул тагдырдан арылганда. Көкүрөгү муңга толгон, арманга толгон, аттиңи айтылып көзүнөн жашты сыбызгытат.. .

– Кир, бул эжең болот, – деп Нестанды ээрчитип Батма кирди. – Эжеңди энеңдей сыйла, жеңе. Оорунун айынан төшөктө жатпайбы. Акемди чындап жактырсаң анын байбичесин да жакшы кара, жеңе.

Кенжеге Батманын сөзү октой тийип жатты. Кулагын көзөй кетип көкүрөккө кадалган ок болуп тийди.. . «Мунун жардамынын кереги жок» деп бир бакырып, бөлмөдөн кууп чыккысы келди. Кантип айтмак. Абалын ойлоп түтөп кетти. Жек көрө Нестанды тиктеди. Көргөн көзүнө ишене албайт. Ушул кагаздай жука, үзүлчү жиптей үлбүрөгөн кызынын кызындай секелек немени Кулан аял кылып алдыбы? О, жосунуң жолдо калган шүмшүк. Кайсы ары менен алды экен, абийир жок айбан.. . Кыздын аянычтуу кебетеси, муң чачкан көздөрү Кенженин боорун оорутуп жиберди. Бу шордуу оорукчан неме го, акыл-эси кем жаралган неме го, болбосо жанагы күлтүйгөн, чоң атасындай болгон айбанга кантип тийди?! Аа, шоруң курган байкуш, бу жерге жыргайм деп келсең керек, эртең эле эсепте жок талпак болот эмессиңби.. .

– Аты Нестан, – деди Батма тааныштырып. – Бу жеңемдин аты Кенже. – Батма Нестанга Кенжеге бай ийкей көрсөттү, – колу-буту паралич болбосо, сенин бу жерге келер-келбесиңди ким билет эле, жеңе, – Батманын оозу тынбай Нестанга Кенжени кандай караш керек, кандай тазалаш керектигин айтып турду.. .

Нестан кыймылсыз аялдын жагымсыз жыт каңылжар өрдөгөн бөлмөсүнөн да, Батма айтып жаткан тигинин бок-сийдигин чыгарасың дегенинен да жийиркенген жок, ушул көздөрү нымдалышып аянычтуу тиктеген көздөрүнөн кандайдыр бир жылуулукту, мээрим чачкан жакшылыкты көрдү. Ооба, эчакта өлгөн энесине окшоштуруп жаткан тура.. . Бу аялдын төшүнө башын кое кучактап, боздоп-боздоп алгысы келди, ушул аялдан жансоога жардам издегиси келди. Көзүнөн жаш мөлт этип алсыз аялды алсыз карап шалдырай турду.. .

***

Ромдун иши күндөн-күнгө жакшы жүрдү. Жакшысы ошол эмеспи – айына эмес, жумасына миңдеген доллар колуна тийет. Борбор шаардагы бараандуу менчик фирмалар, атургай мамлекеттик деген кай бир кирешелүү делген ишканалар да Ромго «көз акы» төлөшөт. Түшкөн доллардын жарымы чет өлкөлүк ишенимдүү банктарга салынса, калган жарымы ишке чегерилет: автозаправкалар, көл жээгинде эс алуучу жайлар, казинолор, ресторан-кафелер четинен алына баштады. Сөзсүз эмеспи, калың-калың таңгак долларлар Ак үй тарапка, милийса менен прокуратурадагы өз кишилерге арналат. Ромдун күчүн ушундан бил, бир бараандуу фирма же жеке ишканасыбы, ачылса, анын макулдугу керек, анан сансыз кагаз-пагаздар даярдалат. Бул эч ким билбейт деген нерсени элдин баары билет. Айтканга болбойт, жазганга жарабайт. Аракет болду дечи Ромдун каралуу ишин элге жар салганга, ошентем деген шаардык милийсанын чоңдорунун бири качандыр бир жасаган иши үчүн сегиз жылга камалып кетти. Журналист болсо инвалиддик коляскасы менен жашоосуна жеткидей пенсия бөлдүрө албай жүрөт. Ошол окуялардан кийин Ромго сөз айтчу адам чыкпай турат. Эмдиги жылы ал өзүн депутаттыкка көрсөтөт, өтөмбү, өтпөймбү деген санаркоо жок, шайлоо комиссиясында кимисин да болбосун сатып аларын билет, сатылбаса, «сага өмүр кымбатпы же.. . » деген өзүнө даңгыр жол салчу ыкмасы бар.. .

Башкалардай эле Бекен мунун баарын жакшы билип бүттү. Жарым жылдын жүзү болгондо араң барып өзү төлөп турчу «салык» Ромдун чөнтөгүнө түшөрүн, Токенди өлтүрткөн да ошол экенин айныгыс билди.. .

Бу жөнүндө Макан да билет, Токенди ким өлтүргөнүн Бекенден жакшы билет.. .

***

Барс Ромдун кабинетинен кубана чыкты. Көкүрөк тулку ысый чыкты, аз мурун ошол туштагы чөнтөккө бир тутам доллар салынган болчу.

Ром чакыртканынан кирсе:

– Кантты шаар боюнча жеке соодалачу «Шекер» деген фирма ишин баштаптыр дейби? – деди ал дароо эле.

– Баштаган.

– Анан?

– Эмдиги жумадан каражатын көрсөтө баштайбыз дешти.

– Азамат. Өздөрү эле ошенттиби?

– Азыр өздөрү антмек беле?.. Жетекчилеринин биринин кабыргасы сынып ооруканада жатат. Дагы бирөөнүн үйү күйүп, араңдан-зорго өчүрүптүр.. .

– Жаман болгон турбайбы, бечараларга.. . Жакшы иштепсиң. Жакшы иштегендер эмгегин алыш керек, туурабы, ыя?

– Туура.

– Туура болсо ме, эмгегиң сенин, – Ром бир пачка долларды Барстын алдына таштады. – Он миң. Бүгүн-эртең хайлап ал, бошсуң.

Барстын кабак-кашынан сезилбегени менен ичи эрип кете таштады. Акчанын күчү кандай токтоо, карамүртөз, таш боор болсоң да эритип, элжиретип таштайт го. Барс көлкүлдөй эрип чыкканы да ошондон. Мындай сумманы Ром бере элек болчу. Жана Ром «бир-эки күн хайлап ал» дегенде бир жума мурун эле сулуулар конкурсуна катышкан Рима деген кызды эстеди. Жомоктогудай сулуу, ийинден эле бут кеткен, турна моюн бу кыз Барстын толгон-токой кыздарынын баарын унуттуруп турган, ошол таанышкандан кийин. Телефон чалам деген Барс бошоп чала алган жок, бүгүн маалы келген тура. Кабинетине кирип эле Римага телефон чалды. Энесиби, же башкасыбы, бирөө алып, анын университетте окууда экенин айтты. Барс түз эле университетке, Рима окуган юридика факультетине келип, анын лекция болуп жаткан залда экенин угуп, эшик какты. Профессорубу же доцентиби, салабаттуу, орто жаштагы киши чыгып Барска суроолуу карап турду.

– Римада зарыл жумушум бар эле, уруксат берип коюңузчу?

– Лекция болуп жатат! – деп мугалим зоңк этип залга кайра кирмекчи болду эле, Барстын шадылуу аттиштей колу тигинин мойнун капшыра кысты:

– Эй, Ломоносов, мен суранып жатпаймынбы, жаш жигиттин шагын сындырган болбойт да, ыя, туура айтамбы?

Мойну сынып кете таштап, жүрөгү түшкөн неме:

– Азыр.. . – деп айтканга араң жарады.

– Ме, мобуга мазь алып сыйпап койсоң мойнуң оорубай калат, – деп Барс 100 долларлыкты тигинин мойнуна жабыштыра басып койду, – Римага көз боло жүр. Бар эми, тез жибер мага, убакыт аз.. .

Бат эле чыккан Риманы кой-айга келтирбей машинесине салып, өзү ар дайым барчу мыкты ресторанга алып келди. Бул ресторанда эки зал бар, бири чоң – көпчүлүк үчүн, экинчиси чакан – депутатынан, бизнесменинен баштап, аттуу-баштуу бандиттерге чейин ушул жерде көңүл ачат, каалагандай.

Барс ошол залдан орун алып, зал башчысын чакырды да, бул экөө кеткенче эч ким кирбесин катуу табыштап, «маадемектен президент катыны менен келсе да.. . » деп кошумчалады. Залдын бул башчысы да, ресторандын ээси да Барсты беш колундай билишет, айтканын аткарбаска чара жок.

Бат эле столдун үстү толду, Рима мурун деле далай акчалуулар менен барчу, бирок мындай керемет тамактарга, ичкиликтерге толгон столду көрбөптүр. Анан калса көзү күйгөн шыңга бойлуу мындай татына жигит менен байланышып бир столдо отура да элек болчу. Рима сулуунун сулуусу делчүлөргө кирет. Аны өзү да сезет. Кучак казылуу мантайгандар менен да, мантайбай лөкүйгөн депутаттар, бизнесмендер менен да байланышта. Ошондо аларды киши катары теңебей, тамагын жакшы деп, ата-бабасы көрбөгөн коньяктын небир түрүнөн аздап ичип, тигилердин оюндагы төшөккө жеткирбей коштошчу, үйүнө жеткиртип алып.. .

Бу ирет Рима башкача. Башкалар менен отургандагыдай өзүн жогору коюп, каалаган сөзүн айта албайт, атургай ушул сулуу, татына жигиттин маңдайында басынгансып, ыңгайлуу отурат. «Мен буга чын эле жагып жаттым болду бекемин» деген ою кайра-кайра келет. Тамагын ээн-эркин жей албай, ар бир кыймылын жасалма жасап убара. Башкалардай болуп дароо эле «мен сени бир көргөндө эле жактырып калдым, сүйүп калдым.. . » сыяктуу сөздөрдөн да айтпады Барс. Жөн-жай сөздөн аздап сүйлөйт. Маңдайында суйкайып отурган кызга суктанганы да билинбейт, оттуу көзү жалтанта тиктейт кызды. Риманын ыңгайсыз абалы күчөп барат.. .

Бир маалда залдын эшиги ачылып, кара көз айнек тагынган сакалчан неме кирип, экөө отурган столго шашпай келип бел кырчоосунан тапанча сууруп, Барсты мээлеп турду. Дал ошол учурда шыпылдаган залдын башчысы артынан кирип:

– Бул жакка кирүүгө болбойт, тиги залга барыңыз, – деп сакалчанды ийинден тартканда тапанчанын үнү эки-үч ирет жаңырып, ордунан козголбой отурган Барс жерге күп түштү. Башка мээленген ок залбашынын ийинден тартканынан башка тийбей, ийинге, көкүрөккө тийген эле. Сакалчан үн каткан жок, өң-алеттен кетип жүрөгү түшкөн кыздын алдындагы түбүнөн гана куюлган коньягы бар рюмканы алып, ага бөтөлкөдөн жаба куйду да, бир тартты. Анан чөнтөгүнөн кагазга оролгон бир нерсени жерде ым-дымсыз жаткан Барстын үстүнө куюлтуп, кагазын кайра чөнтөккө салды да, кете берди. Ал кеткенден кийин гана зал башчы эсине келип, телефонго чуркады.

Милийсасы да, «тез жардамы» да алеки саатта келип, санитарлар Барсты салып кетип, милийсасы Риманы баш кылып, көрүнгөндү ошол эле жерден сурай баштады.

Барс тирүү болчу. Анын ок жеп ооруканада эс-учу жок жатканын уккан Ромдун өтө ишенимдүү жигитинин абалына бир эсе күйсө, анын адамдарына батынып кол салгандарга каны кайнап, табылса тирүүлөй кескилеп таштагысы келет. Шаардык милициянын бир чоңуна телефон чалып, Барска кол салган сакалчан неме экенин, азырынча андан башка маалымат жок экенин угуп, кандай да болсо таап берүүсүн өтүндү. Тапкан адамга он миң доллар сыйлык берерин да айтты. Милийсанын чоңу болсо «кеп сыйлыкта эмес, көп өзүбүздүн намыс үчүн да табышыбыз керек» дегендей жооп берип, аткан неме сөзсүз колго түшө турганына ишендирди. Ром эки жигитин чакырып, алар Барсты кайтарып, жарым карыш жанынан чыкпай туруусун катуу тапшырды.

Барска үч ок тийген экен. Бир огу өпкөнү жандай өтүп туруп калган, калган экөө бири-бирине жанаша акырекке тийип, көзөп чыккан. Дароо эле операция жасалып, житкен ок алынды. Бирок жарадардын абалы өтө оор эле. Ромдун аракети менен ал ооруканадагы мен мыкты деген догдурлар Барсты көзөмөлгө алышты.

Барска кол салганы – Ромго кол салганы. Муну ал жакшы билет. Ошон үчүн өзүн кайтарган, дайым чогуу жүргөндөр төртөө болсо, эми дагы экөө кошулду. Эки жакка барганын азайтты. Шаар борборундагы беш бөлмөлүү квартирасынан эмес, шаардын четине курулган эки кабат үйүндө жашай баштады. Анткени ал үй мыкты кайтарылат: тегерете үч метрдей бийик дубал, сигнализация, видеобайкоо бар, анан калса килейген эки овчарка короодо бош коюлган. Арстан көрсө да талап жечүдөй кайраты бар. Ром ошол үйүндө жатып, эки-үч жакын, бардык маселеден кабардар болуп турушкан жигиттерин жанына алып, Барска кимдер кол салышканын талдап-издеп турушту. Далай кримтоп тизмеден өтүп, биринен да «дал ушулар» дегендей бүтүм чыккан жок. Ром шектүү өңдөнгөндөрдү бөлүп алып, аларды тактоону, изилдөөнү далай табышмак иштин учугун таап чубап чыкчу. «Профессор» аттуу кличкасы бар жигитине тапшырды. Бу жигит университеттин юрфагын бүтүп, ушул эле шаардын бир прокуратурасында эки жыл иштебей жатып ал органдан куулуп кеткен. Гепрокуратурада бир бөлүмдү башкарган орчундуу кызматкердин бир тууган жээни мушташып, чөнтөгүнөн наркотик чыгып, иш милийсадан өз колуна тийгенде майдаланып отурбай түз эле беш миң доллар сурап, аны аларында кармалып, ошончо сумманы колунда бар ата-энеси таап берип кутулткан. Аз өтпөй Ромдун тобуна кирип, бат эле анын ишенимине ээ болгон. Андан бери төрт жылдай убакыт өттү, Ромдун түрдүү тапшырмаларын кынтыксыз аткарып келет. «Профессор» деген атка конгону – колунан китеп, гезит-журнал түшпөйт, көп нерсе билет.

Профессор Ромдон катуу тапшырма алары менен борбор шаардагы өздөрү «саап» турчу фирмалардан баштамай болду. Алардын баарын эмес, биринчи иретте чоң сумма төлөгөндөрүн тизмеледи. Бул тизмеге Бекендин фирмасы да кирди.

Профессор адегенде тизмеленген ар бир фирманын жетекчилери менен бет маңдай сүйлөшүп чыкты. Көз деген көп нерсени айтып коет, Профессор көздөн байкаганга аябай маш. Бу жолу бир дагы фирма жетекчисинин көздөрүнөн шек-шыбаа байкай албады. Изилдөөнүн экинчи этабын кримгруппалардан баштады. Бул жагдайда изилдөө ачык жүрдү:

– «Ташчайнар» ресторанында атылган жигитти уктуңар беле? Кимдин колунан келди деп ойлойсуң? – сыяктуу суроолор берилди. Андан бир гана:

– Кабарыбыз жок, – деген жооп угуп турду.

Изилдөө бир күнгө да тынган жок.. .

***

Барсты кайтарып жаткан жигиттин бири тамеки алмакка сыртка чыгып оорукананын катарындагы комоктон тамеки алып, кайра басты. Кеч кирип үрүл-бүрүл болуп калган убак. Көчөдө электр жарыгы. Жигит оорукананын короосуна кирип дүпүйө өскөн сирень тушуна келгенде тапанчанын бүдөмүк үнү чыгып, шалак эте жерге кулады. Ок дал чыкыйга тийген экен, мүрт кетти. Ошол жерден нараактагы орундукта отурган беш-алты оорулуу, аларга келгендер тапанчанын болор-болбос үнүн угуп карай калышып, оңкодон түшкөн немени көрүштү да, анын жанына жетип барышты. Бири жигиттин башын жөлөй берип чочуп кетти:

– Ой, ок тийген турбайбы, – кан болгон колун тазалай муун-жүүнү бошой мындай боло берди, ок тийгендин башын жерге шалак таштап.

– Тийбегиле, – деди бирөө, – милийса келсе эмнеге тийдиңер деп ит кылат, сурай берет, бизден көрүшү мүмкүн.

– Догдур чакырыш керек, – деп бири эшик көздөй ылдамдай басты эле, дагы бир айтты:

– Шашпай эле кой, өлүп калыптыр.. .

Өлүк сулк жатат. Кан сыбызгып башынын тегерегиндеги жер көлкүлдөй түштү.. .

Экинчи жигити ок жегенин уккан Ромдун жини шакардай кайнады. Албуутун кимден чыгарарын билбей туталанат. Чакырткан Профессор келгенде анын алигин албай каарып турду:

– Эй эшек, ооруканадан атып кетишиптир го, ыя?! Качан табасың, айтчы?! Эгерде бир жуманын ичинде таппасаң өз убалың өзүңдө, балакай! Мээңе жеттиби, менин айтканым, ыя?!

– Жетти! – деди Профессор.

– Жетсе, бар!

Профессор Ромдун коркунучтуу сөзүн угуп жаны чыкты. Эч кимди аябайт ал неме. Бир жигитине шилтесе эле көз ачып-жумганча тыркыйтып атып таштайт. Жерден чукуса да экөөнү аткан немени табыш керек, айла кетсе бирөөлөрдүн өлүгүн көрсөтүп, дал ушул жасаган деп көрсөтөт да. Ушуну ойлоп Профессор бир азга санаасын жеңилдетип алды. Анан машинесин айдап шаардын тоо тарап четиндеги машине оңдоочу станцияга барды. Бу жерде «Законжок» дегендин тобунун уюгу. Үч-төрт жыл өлкөнүн каратэ боюнча чемпиону болгон, ашып эле кетсе жыйырма бештердеги жигиттин тобу. Законжок дешет аны. Бирөө менен кер-мур айтышса же акча өндүрүп зордуктаса, ал неме «мага закон жок» дегенди сөзсүз айтат. Качантан бери, эмне себептен антип айтканын эч ким билбейт. «Законжок» деп чакырышат. Өзүнүн айланасындагы немелери бүтүндөй спортсмендерден турат. Булар үчүн тынч элдин заң-закүнү эмес, өздөрү баш-оту менен кирген кримдүйнөнүн заң-закүндөрү да жок. Өз билгендерин жасап жаткан. Булардын чыкканына ашып кетсе эки-үч жыл болгону менен, бу борбордо алардын кабары катуу угулуп, далай кылмыш топторунан суурула баштаган эле. Азырынча Ромдун тобунун жолун тосуша элек, бирок бир ирет Законжок жигиттери менен сүйлөшүп отуруп:

– Ром-пром дегенин уруп койбойм, чалдардын заманы небак өткөн, – деп төш какканы бар. Ромдун өзүн тааныбаса да, кабары бар эле да эң күчтүү топ ошонуку деп.

Бул сөз айтылгандан көп өтпөй Ром аны Барстын оозунан угуп:

– Жаш келесоолорго азырынча таарынбай туралы, – деп Барстын ачуусун басып жайгарып койгон. Эгерде ошондо Ром «ооздорун басып койбойсуңбу» деп бир эле сөз айтканда, Барс алардын түбүнө жетмек.

Бул жөнүндө Профессор жакшы билет, ошон үчүн Барсты, аны кйтарган жигитти аткан немени дал ошо Законжоктун тобунан издемей болду. Алар атпаган күндө да, атты деген бирөөнү табат алардан, ал оңой эле маселе.. .

Профессор станцияга келип, Законжокту оңой эле тапты. Бир бөлмөдө диванга, креслолорго чалкалай отуруп, жакшы делген немис пивосунан ичип, кызыктуу окуялардан айтышып, каткыра күлүп көңүлдүү отурушкан экен. Кирип келген Профессорду көрүп баары тынчып, суроолуу карап калышты да, Законжок сурады:

– Эй, кимди издеп жүрөсүң?

– Законжокту.

– Анда эмне жумушуң бар эле?

– Өзү угуш керек. Жумуш чоң.

– Ии, кулак сенде?

– Сенсиңби, Законжок?

– Менмин, эмне, окшобой турамбы, ыя?! Айта бер, мен жолдошторуман эч нерсе жашырбайм.

Профессор отурар орундук издегендей эки жагын карады эле, Законжок айтты:

– Туруп эле сүйлөй бер, мейманга чакырылган жоксуң да. Ии.. .

– Ромдон келдим, – деди Профессор келген жинин сыртка чыгарбай жай сүйлөп, – аны билесиңер го дейм?

– Ии, мисалы, билет экенбиз, анан?! – Законжок кекерлүү жылмайып, «Ромуңду урганым жок» деген маани жүзүнөн даана көрүнүп турду. – Бизде эмне иши бар экен, Ромуңдун?

Профессор кайпактабай түз эле качырды:

– Кимиң аттың биздин балдарды?

Отургандар бири-бирин таң кала карап, эч нерсе түшүнбөй турушту эле, сөздү дале болсо Законжок алды:

– Эй, сен эмне деп былжырап жатасың, ыя?! Балдарыңды атыштын азырынча бизге зарылы жок. Башка жерден изде аткандарды!

– Силерден башка «башка жер» жок болсочу?

Бул сөзгө не деп жооп кайтарарды билбей, анан да ачуусу келген Законжок кыйкырып ордунан атып турду:

– Эй, козел, сени да атып сала электе кет бу жерден, энеңди.. . десе! Ром-промуңду кошуп туруп, тим эле!..

Профессорго ушул эле керек болчу, акаарат кылып айтышкан да жок, кийин бирди көрөсүң деп коркуткан да жок, кандай келсе ошондой чыгып кетти.

Законжок каткыра күлүп, жөкөрлөрүнө мактана да кетти:

– Жүрөгү түшүп, тил-ооздон калды окшойт. Законжокту билсин кандай экенин. Экинчи жолу жүгүнүп келет окшоп калды, ха-ха-ха.. .

Профессор коюп берген диктофонду Ром катары менен эки жолу укту. Андагы Законжоктун «Ром-промуңду кошуп туруп.. . » деген жери өзгөчө катуу тийди. Заары жүзүнөн дааналанып, тиштене айтты:

– Экинчи Законжок деген атты укпайын, уктуңбу?! – деп Профессорду жекире тиктеди.

– Аткарылат.

Ром өзүнүн кримимпериясын мыкты уюштурган. Жеке өзү Барс, Профессор сыяктуу беш-алты жигити жана жанында жүрүп кайтаргандар менен гана сүйлөшөт. Катардагы ондогон жигиттери Ромдун өңүнөн таанышпайт. Буларда байланыш куралдары, үн жазчу куралдар, видеокамералар, тапанча, автомат эмес, гранатаметко чейин бар. Тартип аябай катуу, баш ийгендер баш ийдиргендерге кыңк дебейт, алардын буйругу экинчи кайталанбайт. Бул шартты бузган үч-төрт жигит эмдигиче милийсанын издөөсүндө, кайда жоголгону белгилүүдүр.. .

Профессор бирөөнү тынчытчу, атып, майып кылып тепкилеп турчу атай ын топтун төрт жигитин чогултуп, маселени кыскача түшүндүрүп ишке аттанышты.

Ошол күнү Законжоктун машине оңдоочу жердеги алты жигити кан-жини аралашып автоматтар менен чайкалган экен. Ажалы жокпу, Законжоктун өзү тирүү калды, ажалга келгендерден жарым саатча мурун бат эле келем деп бир жерге кеткен. Кайра келип короо толгон милийсаларды көрүп эле жүрөгү шуу этти, өлүктөрдү катары менен короого тизип коюшуптур, жапканга эч нерсе жокпу, көргөн адамдын жүрөгүнүн үшүн алып жатышат тизилип, баары Законжоктон кичүү немелер эле.. . Эгер бу жерден кетпесе өзү мына азыр алардын катарынан орун алчудай болуп чочуп, кетүүгө шашты.. .

Законжок деген көпкөн мадырабаштын тирүү экенин уккан Ром Профессорго түшүнүктүү айтты:

– Ал жашаса, ордуна сен кетесиң!

Ромдон «ал жашаса, ордуна сен кетесиң!» дегенди угуп, Профессор жандан түңүлүп чыккан убакта Барсты ооруканада күчөтүлгөн кайтаруудагы дагы бир жигиттин дал чекесине ок тийди. Ал жигит көзөмөлдөп сыртта болчу.. . Бир оору аткан немени көрүп калыптыр, көз айнекчен, сакалдуу неме экен деп сураган милийсаларга калтырай-титирей айтып берди. «Дагы кандай экен кебетеси» деген суроого бир гана жообун берет: «Көз айнекчен.. . сакалчан.. . »

***

Нестан Куланга экинчи аял болуп келгени үч айга айланды. Баягы чүмбөттөлгөндөй, баарына кош көңүл мүнөзү өзгөргөндөй болду, далай жыл күлкүсүз өткөн өмүрүн күлкү коштой баштады, ажары ачылып, үзүлчүдөй буттары азга эттенди, келбетине келди. Мурда кар астында калган гүлдөй шөмтүрөсө, азыр жазгы кызгалдактай бажырая берди. Жок, Куланга тийгени ошол келбетти, ошол эркек дүңү менен суктанып сугун артчу маанай-келбетти алып келген жок. Баарын кылган Кенже болду. Ар нерсеге көңүл токтотуп байкай билген терең аял эле Кенже. Нестан келгенден эки-үч күн өткөндөн кийин эле анын жакшы адам экенин, баралына келсе далай адамга акыл айтууга жарап бере турганын, бул жерге келгени айла жоктуктан, амал түгөнгөндөн экенин жазбай баамдады. Бат эле кызындай көрүп кетти. Жөлөй-таяй чакага отургузуп, андан кенедей да жийиркенип койбой жууп-тазалап, башын тарап, үлпүлдөтө жууган ич кийимдерин кийгизип, куунатып салбадыбы. Жанынан чыкпай үйрүлүп турганын кантесиң. Чынында Нестан үй оокатты да, тамак-ашты да кынабы менен жасаганды үйрөнгөн эмес, кол-арага жарай турган болгондо апасынан айрылды. Сонун мастан болсо башка-көзгө койгулап, чачтан жулуп, жылан тилин соймоңдото каарып-каргагандан башка эч нерсе үйрөткөн жок. Үйрөтчү деле эчтекеси жок болчу ал аты аял айбандын.. . Дени оору болгону менен дили соо эмеспи Кенженин, жатып алып андай кыл, мындай кыл деп билгенинин баарын үйрөтүп жатты. Кенже тазалыкка көнгөн, кай оокат жасабасын, тыкан жасаган аял эле. Өзгөчө тамактын маңызын чыгарчу. Ошол сапаттарынын баары эми жыйырмага араң чыккан Нестанга өтө баштагандай болду. Кээде Кулан бир жакка кеткенде экөөнүн сөзү бүтпөйт, бири-биринен жашырып-жапчу нерсеси жок, ачык сүйлөшөт. Жаш аялынын жанынан чыккысы келбеген неме бат эле жетип келет. Өтө зарыл иш болгондо гана кетет үйдөн. Далай ирет Нестанды ээрчиткенге аракет кылды, ал таптакыр көнбөдү. Ага Куландын бар-жогунун эсеп-чоту жок, бирок анын үйдө жогу көңүлүн ачып турат.

Нестан эки-үч жума Кенжеге көнгөндөн кийин анын аздап сурагандарына жооп берип атып, ушуга чейинки өмүрүн жашырып-жаппай толук айтып берди. Атасы, агалары, Сонун, зордукталганы, Макан.. . баары-баары айтылды. Ишенген, жакын, кыйбас адамына айткандай айтып берди. Аларды уккан сайын Кенже эптеп көтөрүлчү колу менен Нестандын башын сылай эркелетип өөп, жакшы сөзүн айтат. Анын өмүрү эми гана башталгансып, кудай өмүрүн берсе, өз жарын таап бактылуу жашай турганына ишенерин айтат. Сөзсүз ошондой болоруна ишендирет. Жалаң жакшылык уга баштаган жаш неменин көңүлү көтөрүлүп, дилине жакшы үмүттөр толуп, ошондон улам кечээ эле жалаң жамандыктан турган армандуу дүйнөсү бүгүн жаркыраган күндөргө айлангандай. Ал көрүнүш жакшылыктын сүрөтүн тартат.. .

Кенже Макан жөнүндө көп сурады, Сонундан уккан Нестандын сөздөрүн таразалады. Баарын кылган ошол мастан аялдын жүзүкаралыгы экенин Кенже түшүндү. Буту-колу соо болгондо ал жигитти таап, баарын орду-ордуна жайгартпайт беле. Мейли, баспай ушул жерде жатса да бар акылын, жардамын аябай берет. Өзүнүн канча жашарын ким билди, канча убак жашаса, ошончо убак ушул ыйманы куюлган, периште сындуу кыздын багын ачканга жумшайт. Өмүрүндөгү эң маанилүү, эң орчундуу тилеги да ушундай.. . Кенженин күнү-түнү ойлогону ушул.

Куландын да мүнөзү карыганда өзгөрүп жатканы кызык болду. Мурда жашына карабай чөнтөккө акчадан арбын салып борборго, береги эле облборборго кетип, эсеби азая элек көңүлдөштөрү менен кырчын кезиндей дуулдап, кез-кези жолдош-достору менен жүздөшүп үйүндө жөн жаткан күндөрү аз болчу. Эми анын бири жок, жаш аялынын жанында үйрүлөт. Анын уккан-укпаганын, жактырган-жактырбаганы менен иши жок, жалынып-жалбарганынан жазбайт. Өл десе, эмнеге дебей өлүп берчү кейпинде. Кудай берсе, эркек балалуу болсо.. . ушуну ойлоп көңүлү куунак, көңүлүндө күндө майрам. Нестанга кийимдин түрүн апкелет, бир жаман жери – алардын көбү чак келбей, кайра өткөрүп келет. «Жүрү, чактап кийим алперейин» дегенге көнбөйт жаш аялы. Күйөөм деп санабайт. Ушунча болуп бир да ирет сөз баштап сүйлөшө элек. Куланга эң жаман тийген сокку – Нестан Кенженин катарындагы жерге төшөк салып жатып алган күндөрү болот. Ошондо жинди болгондой наркы-терки басып, «жүрүлөп» сан ирет Нестанга келип алты амалы түгөнөт. «Кой, бар, кандай болгон күндө да нике кыйылган күйөө сөрөйүң эмеспи, азга чыда» деп Кенже көндүрбөсө, деле күйөөнүн жанына жолоюн деген көңүлү жок.. .

Нестанды өз колу менен жеткирип, анда да, андан бир жума өткөндөн кийин да тутам-тутам акча алып кеткен Сонун андан кийин эки-үч жолу келип кетти. Соңку келгенинде башкача кетти, а жөнүндө сөз кезегинде болсун.. .

***

Борбордон баягы оңолобуз, оокат кылып бала-чакабызды багабыз деп кеткен эки алкаш – Касым менен Берметтин айылы бу борбор шаардан жакшы жүргөн машинеге беш сааттык жол. Макан эртең менен чыгып, түш болоюн деп калганда алардын айылына жетип, үйүн тапты. Үйдө бир небереси менен кемпир бар экен. Маканды бүшүркөй карап, уулу эртең менен эле үйдөн чыгып кеткенин айтып, Макандын ким экенин сурады. Андан жооп уккандан кийин үйгө киргизди чай ич деген болуп. Дасмал үстүндө капкара ундан жасалган нан, башка эч нерсе жок. Ал бөлмөдө идиш-аяк салынган эски шкафтан башка эч нерсе жок экен. Карып-арып, басып-турган бу бети миң бырыш кемпир менен бөлмөнүн көрүнүшү окшошуп турду. Ушуну ойлоду Макан, анан эрди-катын эргулдар баягы самогонунан бошой албай жүргөнүн сезип турду. Бир чыны чай ууртап, «мен азыр» деп сыртка чыгып борбордон ала келген таттуу, тамак-ашты көтөрүп кирип, кемпирдин көзүн жайната дасторкон үстүн үйүп таштады. Энесинин жанынан чыкпай Макандан чочуп турган алты-жети жаштар чамасындагы кыз түркүн таттууну көрүп, кайсынысынан жээрди билбей башы катты.. .

Эки эргулуң басыгынан жазбаптыр, баягы күүсүндө экен, каш карайганда бири-бирин жетелей келип, короодогу машинени көрдү да, Макан келгенин билип, жүрөктөрү жарыла кубанышты. Макан болсо булардын жашоосун өзөгү өрттөнө оор үшкүрүнгөн кемпирден небак эле уккан, көңүлү кирдеп турган аларга. Ачкенедей асыла учурашкан экөө менен суз учурашты. Аз өтпөй жолдон чарчап келгенин айтып, бир бөлмөгө төшөк салдырып жатып алды..

Кечинде тамак үстүндө Макан акыркы акылын айттып эрди-катынга, эртеси таң заардан кетмек:

– Касым аба, Бермет жеңе, адам болуп жашайм десеңер акыркы мүмкүнчүлүгүңөр ушул. Сырттагы малды сатып жибербегиле.. . Эгер сатчу болсоңор атууга кетсем да экөөңдү мууздап салам, уктуңарбы?!

Бул сөз катуу айтылды, уккан экөө селт этишти. Макан «өтө эле катуу кетип калдым окшойт» деп ойлоно калып, кайра «жок, буларга ушундай гана сөз керек» деди да, ошол сөзүн дагы баса кайталады:

– Мени эч ким токтото албайт, мууздап салам

Мындай сөздү угуп көрбөгөн карыган кемпирде жан жок. Анткен менен бу ыймандуу көрүнгөн жигит туура кылып жатат деп тобосун келтирип турду.

Эртеси Макан таң заардан туруп мал-салы менен алек болуп жүргөн Касымды, уй саап жаткан Берметти көрүп, көңүлү толо түштү да, коштошуп жөнөп кетти.. .

***

Барс ооруканада бир айдай жатып сакайып чыкты. Этинен качып кан-сөлү жоктой купкуу. Ооруканадан чыккандан үч күн өткөндө Ромдун сунуш-буйругу менен чет өлкөнүн бириндеги курортко эс алууга кетти, кызмат кылчу бир жигитин алып. Ал жөнүндө Ромдон башка жан адам билбейт. Ром Барсты өтө баалайт, ишенген эки адамы болсо, бири ошол. Ал эртең кетем деген күнү Ром аны үйүнө чакырып, тамак үстүндө экөө төрт-беш саат маектешти.

– Сага кол салгандар чогуусу менен кырылыптыр го, – деди Ром ошондо.

– Уктум. Профессор айтты. Бирок.. .

– Ии?

– Ошолор кол салганына көп деле ишенген жокмун, – деди Барс бул сөзүнө Ромдун жообун күтүп.

– Себеп?

– Себеби, ал неме, ким эле?..

– Законжок дейт го.. .

– Ии, ошол Законжоктун мага кол салууга эч кандай себеби жок болчу. Жолубуз кесилишпесе, талашкан эч нерсебиз жок болсо.. .

– Жолдор кесилишип кездешпей эле талашса болот да.. . Маселен, алар көздөгөн жерди сен ээлеп алсаң.

– Аныңыз туура дечи, бирок алар кол салмак эмес, батынбайт болчу.

Ром Законжок деген неме кол салбаганын небак эле билген. Жанталашкан Профессор «ушулар атыптыр» деп кимди болбосун «таап» келерин да билген Ром. «Законжоктор жасаптыр, энчисин алды алар» деп сүйүнчүлөп келгенде «Законжок тирүү турбайбы, ал жашаса, сен жоксуң» деген эмеспи. Ошону менен Профессор күнөөлүү деп тапкан алар экенине ишенгендей түр көрсөткөн. Барсты жана эки жигитти аткан ким болсо да оңой немелер эмес экенин Ром билет. Баары бир табат. Азырынча болсо күнөөлүүлөр Законжоктор болуп кала берсин. Ошондо бизден көрүшкөн жок деген чыныгы аткандар сактанганынан жаңылат эмеспи. Ошондо.. .

Барс менен сүйлөшүп, анын «Законжоктор аткан жок» дегенине кошулбамыш болуп койгону да ошондон.

Ром өтө сак, өтө куу. Майда-барат бандалар кээде алардын балдарынын жолуна тура калганда, аларды жок кылабыз деген Барс, Профессорлорду токтоткон күндөрү көп эле болду. Жок, ошол бандаларды аягандан, боорукерлигинен эмес, алар да болсун, алар да милийса, прокуратуранын башын оорутсун, эпадам алардын баарын жок кыла берсе жалаң эле Ромдун артынан түшүшпөйбү. Кримтоптор канча көп болсо, Ромго ошончо жакшы. Азыр милийсаң да жашаш керек, кимдин эмне кылып жатканын беш колундай билишет, бирок аларды бир түндүн ичинде жоготуп салбайт. Эмне үчүн? Анткени милийсаңа да оокат керек, аларда да курсак бар, бала-чака бар. Багыш керек, жетиштүү жашаш керек. Жетиштүү жашоонун бир булагы бандалардан саалган акчалар. Канча миңдеген акчалар Ромдун колунан милийса чоңдоруна өтпөдү дейсиң, эсеби жок. Ушундай.. .

Ошон үчүн милийсаңа да, Ромго да бандатоптордун көп болгону жакшы. Эгер өтө ашынып бараткан топ болсо, аларыңды милийсаң да, Ром да жөн койбойт эмеспи.

Ромдун алдыдагы тилеги: депутаттыкка шайлануу, анысы болбосо, чет өлкөнүн бирине кетет, ошол жакта бейпил турмуш өткөзөт.. . Чет өлкөдө килейген үйү бар экенин бир өзү, анан жашыруун кызматтын бир-эки жетекчилиги билет.. .

Курортко туура бир ай эс алып келген Барс кадыресе өң-кубатына келип, көңүлү да куунак көрүнгөнү менен, бир нерсе дилин тынчытпайт: өзүн аткан немени кайдан болсо да таап жазасын бериш керек, деле жердин түбүнө түшүп кетсе да ошентет.

Бир күнү Профессор менен ачык сүйлөшүп, Законжок дегенди жөн гана күнөөлүү кылып тапканын бетине айтты эле тиги:

– Мени эмне, келесоо деп ойлойсуңбу?! – деп моюн толгоду.

– Келесоо эмессиң, бирок жаның аябай таттуу, – деди Барс мазактай, – жаныңдын таттуулугу үчүн таптың да жанагыларды. Азыр ушул жерден калп десең, таттуу жаныңды денеңден бөлүп жиберем.

Профессор акаарат келтире алган жок. Барс менен теңтайлаша жүргөнгө аракет кылганы менен андан коркчу да. Канча ирет Ромго Барстын туура эмес кылыктарын баштоого кылдат сөз тандаганга аракет кыла баштаганда Ром аны кагып салчу. Үч-төрт жолу кагуу жеп, экинчи Барсты жамандоо аракетин токтотуп да койгон. Антпесе Барстын колунан оңой эле өлүм тапмак. Барсты атып кетти дегенди укканда өмүрүндө кубанбагандай кубанган. Анын тирүү калганы катуу сокку болду. Эми Барстын маңдайында тике карай албай, айтчу сөзүн тайманбай айталбай отурбайбы. Өмүр бою эле ушинтип жүрмөкпү, жок, ага чыдай албайт.. .

Барс өзүнө ким кол салганы жөнүндө кадам сайын ойлонду. Тааныган ондогон адамдарды оюнда чубатты, тааныбаган, бирок атын угуп жүргөн бандиттерди да шектүү тизмесине карап таразалады. Баягы, кабинетине коркпой-үркпөй келип эскерткендей сөз айткан, айтканда да кекерлүү айткан көзү курч сары чийкил жигитти эстеди. Токендин жигиттеринен эмес беле, Токен болсо.. . Дал ошол, канга-кан деп ошол жасады. Барс ал жигиттин кебете-кешпирин даана элестетүүгө аракет кылды эле, курч, кайраттуу көзүнөн башка эч нерсе көрө алган жок. Аткан неме көз айнекчен болчу, ал көз айнектин артында ошол көздөр катылгандыр.. .

Ошол аксаргыл жигитти эстээри менен Бекендин фирмасына келип, аны кабинетинен тапты.

– Салам! Ии жигит, жашоо болубатабы?

– Болубатат, – деди Бекен, бу кайсы неме дегенди ойлоп, жооп табалбай.

– Баягы жигитиң кайда, тың жигитиң бар эле го, жапалдаш бойлуу?

– Атын билбейсизби?

– Билбейм. Көпкөн, борзый немечи?

Бекен сөз Макан жөнүндө болуп жатканын билди:

– Анын сизге эмне кереги бар эле?

– Керек. Чоң сөз бар анда. Ким эле аты?

– Макан.

– Ии, ошол керек мага.

– Ал небак кетип калган. Кабарым жок кайда экенинен.

– Эмнеге кетти эле?

– Сиз айткандай борзуйлугунан кетет да.

– Азыр кайда экенин билбейм дечи?

– Казакстандабы, же Россиядабы, айтор, бир жакта дейт.

Барс башка эч нерсе айткан жок.

Ал кеткенден кийин тааный албай бүшүркөп турган Бекен аны эсине түшүрдү, бизнесмендердин кайсы бир чогулушунда сүйлөбөдү беле, чыгаан бизнесмендерден дешкен.. .

Жигиттери шамдагай иштеп, ошол эле күнү Макан менен Бекен катуу урушканын, Макан квартирасынын ачкычын кошунага таштап көз болуп туруусун айтып, Россияга кеткенин, ошол бойдон бир да жолу келе электигин айтып келишти. Барстын шектенүүсү аны менен бүткөн жок. Аны дагы бир жолу көрсө, ресторанда шашпай тике келип тапанча сундурган көз айнек, сакалчан немеге салыштырып ошондо даана билмек. Бирок аны кайдан тапты?

Барс курорттон келери менен Римага барып жолуккан. Анын жүрөгү түшкөнү эмдигиче басыла элекпи, далайда барып сөзгө келип, ресторандан тамактанууга зорго көндү. Экөө түн ортосуна чейин отурушту а жерде. Анан Барстын үйүнө бармай болуп анын машинесине отурмак болуп баратканда «тарс» эткен үн чыгып, машиненин эшигин ачып жаткан Барс ачылган эшикке асыла жылмышып барып жерге кулады. Мурун эле жүрөгү түшүп клаган Рима бир кыйкырып алып, туш келди кача жөнөдү. Ошону менен анын Барс менен болгон окуясы түгөндү. Ал жөнүндө милийсасы да, башкасы да сурашкан жок.. . Унутулду Рима сулуу. Барс ошол жерден эле мүрт кеткен.. .

Барстын өлүмү Ромго болуп көрбөгөндөй сокку эле. Капастагы жолборстой жинденди. Биринчи чакырганы Профессор болду:

– Эй, эшек, – деп баштады ачууланганда айтчу сөзү менен баштап, – Барсты аттырып тындыңбы, ыя?! Эми кезек сага жетиптир, – Ром столунун суурмасынан глушителдүү тапанчасын алып чыгып Профессорду көздөй сундурду, – ушул жерден атып салайынбы, ыя, энеңди?!.

Профессордун көзү чанагынан чыга жаздады, оозуна сөз келген жок. Жансоога сураган да жок, калтырай туруп берди. Анын удав көргөн коендой калчылдаганы Ромду азга тынчытты, тил кайрып актанса, а балким атып салат беле.. .

– Бар, – деди Ром тапанчасын тартып, – Барсты өлтүргөндү өлтүрүп туруп гана келесиң мага, ошондон кийин гана келесиң! Бул акыркы сөзүм. Бекен дегендин Макан деген жигити бар дейт, Барс айтты эле.. .

Өлөрүнө жакын Барс Ромго айтканы бар эле: «Бекен дегендин Макан деген жигити бар эле, экөө азыр байланышпайт экен. Бирок.. . » деп. Ром ошону эскерди.

Профессор тозоктон кутулгандай чыгып, азга жеңилдей түштү. Барсты өлтүргөндү жайлагандан кийин келе албайт эле Ромго. Анткени Барсты өз колу менен атты. Далайдан берки кордолгону, басынганынын өчүн өлүм менен алды. Эми Ромду.. . Жок, жүрөгү шуу дей түштү, ага кол көтөрө албайт, батына албайт. Бул ойду ойлогондон муун-жүүнү бошой түштү. Эгер анын оюн Ром билип калса, анда тирилей отко куйкалатып, тууган-туушканына чейин тукум курут кылбайбы. Аны жок кылган күндө да, Ромго жанын берчү немелери Профессорду тозок, коркунучтуу өлүм кылары турулуу.. .

Барсты «өлтүргөндөрдөн» дагы табыш керек. Барстын бошогон ордун ээлеп, Ромдун эң ишенимдүү оң колу болушка жакшы шанс болуп турат. Профессор билген да, билбеген да Ромдун карышкырдай курч, түлкүдөй куу дагы төрт-беш ишенгени бар, ошолордун бири калбай Профессор ойлогон үмүттү ойлоп турушканын ал билген жок.. .

Ром Профессорду жүрөгүн түшүрө айдап, дароо эле Ментти чакыртты.. .

Мент Ромдун дагы бир тың жигиттеринин бири. Барстан айрылгандан кийин анын ордун ээлечү үч-төрт жигиттин бири да ушул. «Мент» деген аты айтып турбайбы, ал мурун милийсада он жылдай иштеген. Армиядан келип эле кирген милийсага. Анан анын окуусун да бүткөн. капитандан эми мына майорго аттайм деп турганда аттабай аңга түштү. Ушул эле борбордун бир районунда тергөөчү эле. ырасында тың иштечү. Тың иштегени менен алган айлыгы эч нерсеге жетпейт. Эчен баш кесердин, бандиттердин үшүн алган неме тилдүү аялынын жанында мышык боло калар эле. Ошонусу жеп турчу. Сүлүк курттай жеп турчу, «тапкан акчаң өзүңөн ашпайт, милийсада иштегендин балакет-мээнетин аласыңбы.. . » сыяктуу сөздөрдү айтып, чучугуна жеткирчү. Акчанын азгырык-азабы ошентип башталды. Адегенде иши түшкөндөрдүн бергенин алса, кийин маселени өзү кое баштады. Колуна акча канча көп түшкөнү, ошончо май басты көзүн. Бир уйгурдун тоокканадай жертөлөсүндө турчу эле, бак-шактуу заңгыраган алты бөлмө үй сатып алды, адегендеги эски «Жигулиден» кийин жапжаңы «Ауди» минди. Аны менен катар чындык жандаган деми шалпылдап баткакка айланды. Мына-мына жарылчудай көптү. Ушунун баары беш эле жылдын ичинде болду. Баягы эч нерсеге жетпей, күн сайын ызы-чуу салып таштачу аялы топук кылдыбы? Жок. Аныңдын «жетпейти» күчөгөндөн күчөп барат. Ошол күндөрдүн биринде арам болсо да келген ырыскысы заматта тыйпыл болду.

Колуна көптөн бери колго түшпөй убара кылган наркобарондордун бири колго түшүп, анын иши тийген. Кым деген ошондо. Наркобарондун жөкөрлөрүнүн бири анабашысын бошотуп алуу үчүн оңбогондой акча сунуштады эле, Мент дагы ошончо кошсоңор жардам берем дегенди айтты. Ошондон эки эсе оңбогондой акча доллар менен колго тийди. Бирок наркобарон кутулбай калды. Ишти министрдин орунбасарынын бири жеке көзөмөлүнө алып, сотко ашырды. Бүгүн-эртең бошоном деп турган наркобаронуң 12 жылга соттолуп кетти. Доллар берген неме эртеси эле келип алганыңды кайтар деди эле, Мент баш бармагын манжаларынын ортосунан олчойто чыгарып, «ме» деп тигинин тумшугуна такады. Шагы катуу сынган неменин эки жолу бар эле, бири – Менттин үстүнөн арызданып ишинен айдатуу, экинчиси – аны аттырып салуу. Биринчи жол тандалды. Ичи аябай күйгөн неме өзүнүн жооп берип каларына кайыл болуп, арызды түз эле министрге жазды. Иш дароо эле башталып, Менттин айласы кетти. Министрликтин өздөрүнүн коопсуздук кызматы териштирип, Менттин пара алганын мойнуна кое алышкан жок. Диктофонго жазылбаса, сүрөткө же видеого тартылбаса, же доллардын изи жок болсо, ошо да.. . Бирок Мент иштен айдалды, экинчи милийсада иштебей тургандай айдалды. Пара берген неме буга ыраазы болгон жок, эми Ментти жок кылмай жолун издеди. Менттин кримиште тажрыйбасы чоң эле, анын үстүнө түлкүдөй куу боло турган. Анысына тартынбас-тайманбастыгы кошулса, оңой жан эмес да. пара берген неме өзүн өлтүртмөктүн жолун издеп, аны аткаруучу киллердин ыгын келтире албай жүргөн күндөрдүн биринде ага Мент өзү барды. Ачык сүйлөштү. Эпадам дагы эле артынан түшө берсе, барону кармалгандан кийин деле жүрүп жаткан ишин ойрон кыларын, милийсада аны жасачу достору али толтура экенин айтты. Керек болсо өз колу менен ит аткандай атып саларын да кошумчалады. Пара берген неме баарын таразалап туруп, Менттин сөзүн туура көрдү. Мындан ары экөөнүн бири-бирине нааразылыгы жок, бири-бирин таанышпайт. Бүтүмү ушундай болду.. . Ошол эле жылы Мент Барстын жардамы менен Ромдун тобуна кошулуп, бат эле ал топтун активдүү баш кесерине айланды. Барс экөө бир мектепте удаалаш окушкан, Мент бир жаш улуу болчу.. .

Мент Ром эмнеге чакырды экен деп санааркай кирди. Өтө зарыл иш болбосо чакырчу эмес да.

Ромдун кабагы бүркөө болчу. Салам айтып кирген Менттин алигин алган жок. Отур да дебеди. Каккан казыктай турган неменин көзүн тике карай айтты:

– Профессор Барсты аткандарды издеп жатат. Ал кандай издеп жатат, өзү эмне кылып жүрөт, баарын көзөмөлгө ал. Барс айтты эле «мени аткан Токенде иштеп кеткен макан деген жигит бар, ошондон шектенем» деп. Уктуңбу?!

– Уктум, – деди Мент. Үнүнөн тапшырмаңыз так аткарылат деген жооп сезилди.

Ром «кете бер» деген сөзүн ыраа көрбөй, башы менен жаңсап койду. Мент ичинен кым деди. Кабинетине келип, мээси шишигенче ойлоду. «Демек, Профессорго көп ишенбейт турбайбы. Ага караганда мага ишенет тура. Мент менен Профессордун биринчи эле күндөн жылдызы келишпейт. «Мент» деген атты да ушул Профессор койгон. «Бир күнү болбосо да, бир күнү менттигин кылбай койбойт, андан сак болуш керек» дегенди көп айтып жүрүп, бир күнү Барстан катуу жеме угуп, атургай өпкө-боору үзүлүп кала жаздаган. Ошол күндөн ал Ментти жек көргөнүн ачык билдирбейт. «Сен да прокуратурада иштегенсиң, ак ит, сары ит – баары бир итсиңер» деген ачуу сөздү да уккан. Профессорду ойрондотчу бир шанс болуп турганын Мент түшүндү.. .

***

Барстын өлгөнүн уккан Макан аябай кубанды, моокуму канды. Анын артынан Ром кетсе кана.. . Ошондо гана Токендин өчү алынмак, ошондо гана Макандын көксөөсү суумак.. .

***

Ичеби-ичпейби, Макан Касым менен Берметти бир тууган ага-жеңесиндей көрүп калган эмеспи. Күндө болбосо да күн аттап ойлонгону, санааркаганы, жакшы болушса экен деп тилегени ошолор.

Баягы наркологго алпарып, уй, кой сатып берип, «экинчи ичсеңер мууздап салам» деп катуу кетип алардын жүрөгүн түшүргөндөн кийин үч-төрт ай өткөндө кайра барды алардын абалын билмекке.

Күз келип, элдин алды буудайын чаап, картөшкөсүн казып, эрте бышчу алма-өрүгүн жыйнай баштаган кез. Илгери мындай убакты «төөнүн карды жарылган кез» деп кеңири айтылчу, азыркы жетишпеген, улунуп-жулунуп калган заманда антип айтылбай калса да, ач-жылаңач элге күздүн келгени кантсе да күткөнү эмеспи.

Экөөнүн кебетелери келишип ичип отурганынын үстүнөн чыкпасам экен деп тиленип келген Макан алардын огороддогу аз жеринде картөшкө казып жатканынын үстүнөн чыкты. Өңдөрү да оңолуп калыптыр. Мотураңдаган кыз, баласы кошо иштеп жүрөт. Маканды көрө сала төртөө тең чака, кетмендерин таштай чуркашты. Айтарга сөз таппай сүйүнгөнүнөн демиге учурашышты. Короо четинде өскөн килейген каражыгачтын түбүнө тыпырайган чай иччү жер жасап алышыптыр. Аз өтпөй отуруп, чайга киришти. Макан толтура алып келген эмеспи базарлыкты, анысы үстөлгө толду. Үйдөн чакырылган кемпир Макандын чекесинен сүйүп, барбалаңдап ыйлап жиберди: «Кудай өмүрүңдү берсин» дегенди кайра-кайра кайталайт. Чай да ичилип, бажылдаша сүйлөшөт. «Ырас ичпей калган турбайсыңарбы» дегенди айтып жибермекчи болгон Макан кайра токтоду, эмнегедир ошентип айткандан коркуп кетти.

Чай ичилип бүткөндөн кийин Касым Маканды колтуктай жетеледи:

– Мака, жүрүчү, бир жерге барып келе коелу.

– Кайда?

– Сен да келип калыпсың, анан балдар да этсиреп кетишти окшойт. Энемдин сорпо ууртай элеги да көп болду. Баягы алып берген козуларыңторпоктой болушту тим эле. Ошондон бирди алып келебиз.

– Аларга тийбеңиз, – деди Макан дароо каршы болуп. – Бешөө тең ургаачы экен, тукум кылам дебедиңиз беле?

Касым дагы бирдеме айтмакчы болду эле, Макан айттырбай озунду:

– Кой-козу сатчу бирөө барбы айылда?

– Бар, – деди Касым көңүлсүз, – аркы көчөдө бирөө дайыма кой-сой байлап, кыжаалат болгондорго кымбат сатат, бети жок неме.

– Анын бетинин бизге кереги жок, семиз кою керек. Жүрүңүз, кеттик.

– Аябай кымбат сурайт ал желмогуз, – Касым койдун кымбаттыгын эмес, аны Макан сатып бере турганына уялды, аяп кетти.

Макан жооп берген жок, Касымды жанына отургузуп, айткан кишиден килейген ирик сатып алышты, бир тайдын баасында. Макан ириктин семиздигине сүйүнүп келсе, Касым анын кымбатына жини келип, саткан немени көр-жерине жете тилдеп келди.. .

Ирик союлуп, бир жакшы тойгондой өлчөп казанга салынып, калганын туздап туруп илип салышты. Көптөн бери бу бүлөнүн эт жебегени чын экен, жакшы жешти. Макан этке бир тойсо, бүлөнүн ичкиликсиз бейпил жашоосуна эки тойду. Касым менен Берметтин өңдөрү оңолуп, бири-бирине сөз бербей жажылдашканы да калып бараткандай. Макан алар менен таанышканда алардын бу жашоодогу жалгыз тилеги, бактылуу кылып салчу тилеги – кандай да болбосун бир бөтөлкө таап ичүү болчу. Эми тилеги өзгөргөн, кези менен кеп кылып отурушат, тамак үстүндө. Бир жума мурун баягы Макан алып берген уйдун музоосу чоңоюп, аны базарга сатып жыйырма тоок алыптыр корозу менен, ун-сунга да, эки баласынын мектепке кийер кийимине да артыптыр. Эми кудай буюрса, эмдиги жылы баягы эки гектар жерди жакшылап иштетебиз дешет. Түшүмү жакшы болсо ат да, араба да аларын айтат. Азыр иштин баарын ат-араба бүтүрөт эмеспи. Сөз ортосунда Макан айтты:

– Касыке, окуу башталарына бир жумадай калды, мектепке кирбейсиңерби, жеңем экөөң тең.

Касымдын бул жөнүндө мурун эле өз ою барбы, дароо жооп берди:

– Ат башындай алтын берсе да барбайбыз. Азыркы балдарды окутканча түрмөдө иштеген бейиш эмеспи.. . Анын үстүнө бизди мугалим кылып ким эле ала коер дейсиң.. .

– Албаса, алдырабыз да.

– Кереги жок. Андан көрө жеңең экөөбүз жерибизди жакшы иштеткенге көнүп алсак, оокат өтөр.

Макан а-бу деп сөздү көбөйткөн жок, башка кепке өттү:

– Ат-араба алып берейин, кандай дейсиңер?

Касым менен Бермет да, ириктин килейген куймулчагын ары-бери аласалдырып аздап жеп отурган кемпир да селт эте калышты. Касым уялып кеткендей болду:

– Маке, баарын эле алперип жатпайсыңбы, бизде бет калбай калды го.. . Уялаш да минтпес.. .

– Ооба десең, – деди Бермет, – буга чейинкиңе да рахмат. Ансыз деле сенден уялып, кылар айла жок жүрбөйбүзбү.

– Кайдагы болбогон сөздү айтасыңар да, мен бир миллиондогон сомдук оокат алперип жүргөнсүп.. Эртең базарга кеттик. – Бул кесе айтылган сөзгө тигилер акаарат келтире алышкан жок. Жанатан жакшы желип жаткан эт эми тамактан өтпөй турду. Катуу уялып турушту.. .

Эртеси базар күн эле. Касым менен Бермет таң заардан туруп тамак-аш даярдап, Макан үчөө шашпай ичип, анын машинеси менен базарга келишти. Араба, жылкы саткан жерди аралашты. Макан соодага жок, Касым деле ошол. Экөөнө караганда Бермет бул иште тың экен, тандап талаша сүйлөшүп жүрөт. Акыр-аягы арабасын аты менен саткан бир жаш жигиттикин алышты. Арабаны Касым айдап, Бермет анын жанында кыналат. Жолдо ката кезектеше кыңылдай ырдап, кайра кошула кетип, жыргалдын сөзүн сүйлөп, бейиштин жолу менен келаткандай. Ошол бейишке жыргатып жаткан ушул ат-араба эле. Бакыт-таалай бардар турмушта көрүнбөйбү.. .

***

Үч-төрт жылдан бери бу жарык дүйнө караңгы түнгө айланып, келечектен үмүт этпей өлөрүн гана самап калган Кенжеге үмүттүү, жаркыраган келечеги бар, жакшылык кууп жашоочу турмуш кайра келди. Ал турмушту ушу ыйманы жүзүнөн тамган, жалаң актан бүткөндөй болгон Нестан апкелди. «Бу татына кыз кирип-чыккан сайын кагылып жалына берчү адат тапты Кенже. Өз денесинен чыккандай берилди. Баспай жатканы болбосо, дени-карды соо өңдөндү, жан-дүйнөсү тыңып кетти. Соолгурдуку ай, Нестанды улам жакшы көргөн сайын өз денесинен чыккан кызын жек көрүп барат, ал келбесе экен дейт, ошол бойдон унутта калса экен деп тилейт. Адам мамилеси кылгылыкты кыла берет тура, өзүнүкүн алыстатып, өңгөнүкүн жакындатып.. .

Кенже Нестандын бу жерге келгенге чейинки кыска болгону менен эки өмүр сүргөндөй ачуу да, күйттүү да, өкүттүү да турмушун жакшы билди. Эми бу эч кимге зыяны жок бир байкуштун жашоосун жалаң жакшылык коштотот, бүт аракетин жасайт. Ошол жөнүндө ойлонот күнү-түн. Баары өзүнүн колунда тургансып ошентет Кенже. Нестан Маканды бир-эки ирет көрсө да, ага түбөлүк берилгендей сезимин да түшүндү Кенже. Сонундун жүзүкаралык менен, айбандык менен кырчын өмүрдү соолтуп, тирилей өлүккө айландыргысы келгени Кенженин канын кайнатат, аны өмүрүндө бирөөнү жек көрбөгөндөй жек көрдүрөт. Ошондой жексур катындар менен Нестандай периштелерди бир жашатып, бирин экинчисине кор кылып койгон не турмуш бу.. . Ошондой бузуку, дили жалаң карадан турган, ачкөз, абийирсиз аялдар бу жарыкчылыкта шапар тээп жашаганга ким жол берет. Кудайдын кудурети, ошондойлорду азап тарттырып салбайбы.. . Тиги дүйнөдө тозок отуна куйкаланат дейт, бу дүйнөдө куйкаланса кана?! Ушуларды ойлоп Кенже жаналакетке түшөт, көкүрөгү сыздап кетет. Көксөөсү суучу жол издейт оюнда.. .

Бир күнү Нестан Куландын жанынан качып, каадасынча Кенженин жанына төшөк салып жаткан. Мындайда экөөнүн кеби байыбайт эмеспи, Кенже Нестанга бир сыйра кагылып-согулгандан кийин баягысынан кеп баштады.

– Некен, эмки жумада сен Бекенди таап сүйлөш. Кайда иштерин билбейм дейсиң да, ата-энесинен барып сура. Анын эмнесинен тартынасың.. . Анан Бекенди тапсаң, ал кубанган бойдон Макан менен жолуктурбайбы.

Ушул сөздөр айтылып жатканда Нестан Маканды элестейт. Түбөлүк чогуу жүргөндөй сезет. Анын жанынан чыккысы жок, ажырагысы жок Маканынан. «Алтыным» деп айтылган сөзүн эстеген сайын ошол сөзү жыргал болуп, жылуулук болуп денесин көлкүтүп жиберет, «алтынымы» сан ирет кайталанат.. .

– Мени угубатасыңбы, Некентай?

– Угубатам.

– Уксаң ошо. Эмдиги жумадан калбай бар.

– Сизчи?

– Мен эмне кошо бармак белем?.. Арман күн десеңчи, буту-колум соо болсо, өзүңдү жетелеп алып небакта жөнөбөйт белем. Кудайдан жолуңду тилеп жатат эмесминби.

– Апа, – деди Нестан, жаңы келгенде «эже» дечү, кийин апага өткөн өзүнөн өзү эле, – кийин бирөөнө турмушка чыксам, сизди колума алам, барасызбы?

– Барам, барбаганда.. . Күчүгүм.. . Назигим.. . – Кенженин муун-жүүнү бошой түшүп, былбырап эрип кетти, жашыды. Ыраазычылыгына чыдабай жан айласын таппай калды, кыйналып кетти.. . Бир боорунан жаралгандай бу кандай жан бир. Жаш да болсо айкөлдүгүн кара. Кудай өмүрүн узун кыла көр.. . жыргал турмушуңду тандап бере көр ушу кереметке.. . Кенже жашый берди.. . Эркелете берди. Колуна алат тура, колуна алып, бок-сийдигин тазалап багат тура.. . Нээтиңден айланайын, берекем. Ичинен тынбай эркелетип жатат, көз жашы куюлуп ээ бербей коштойт.. .

– Менин азабымды тартып эмне кыласың, балам. Кез-кези менен көрүп турганга жарасаң болду, өлбөй тирүү болсом.

– Эмнеге убара болот элем. Тамагыңызды берип коюп ишке кетем. Сиз телевизор көрүп, китеп окуп жата бересиз мен келгенче. Коляска сатып алабыз, сизди сүйрөп паркка эс алдырам.

Кенже Нестандын жомоктой болгон үмүтүнө кошула кетти:

– Болуптур, сен го багат экенсиң, анан күйөөң «бу немени сасытпай жогот» десечи?..

– Дебейт. Антип айтпаган күйөө болот да.

Экөө далайга үндөшпөй, ар кимиси өз ойлору менен алек. Бирок эки ойдун көп жери бир жерден чыгып жатат.. . О далайда барып Кенже сөз улады:

– Эмдиги жумада Бекендин ата-энесине барып, анын иштеген жерин билип кел, угубатасыңбы, Некентай? Анын эртеси Бекенди тап. Ошент, балам. Тиги айбандан канча эрте кутулсаң, ошончо жакшы болот.. .

Экөө далайда барып анан уйкуга кетердин алдында Нестан:

– Барам, – деди.

***

Мент ошол эле күнү Бекендин ишине келип, аны кабинетинен тапты:

– Кандай, Бекен иним, ишиң жакшыбы?

– Жакшы. – Бекен бу күрсүйгөн, көзү ойноктогон немени кайдан көрдүм эле деп эстей албай, келген жөнүн айтарын күттү.

– Аа, мени тааный албай турасың го.. . Тааныш эмеспиз экөөбүз. Таанышып кереги да жок. Бир нерсе сураганы гана келдим. Макан деген жигитиң кайда?

– Анын кеткени качан.

– Эмне болуп кетти эле?

– Эмне болмок эле, катуу урушуп калганбыз.

– Элдешкен жоксуңарбы, анан?

– Эмнеге элдешмек элем. Андай айбандар менен ким элдешет.

– Ал азыр кайда?

– Билбейм. Чет өлкөлөргө кетем дептир, бизден кеткенден кийин.

Мент башка эч нерсе сураган жок, чыгып кетти.

Ал чыгып кетери менен Бекен сотовыйын алып, чалды:

– Алло, Макан, бүгүн кезигишиң керек.. . Макул.

Кечке жуук Бекен Машинесине түшкөн жок. Шоопурун да, жанжигитин да кетирип жиберди жөө басат элем деп. Көчөдөн көчөгө өтүп, бир жерден такси кармады. Шаар четиндеги паркка жакыныраак жерден токтотту. Анан дагы жөө басып парктын күн чыгыш жагынан кирди. Бала-чака, эркек-аялдар батпайт. Ар түрдүү атракциондор бака-шака иштеп, бири-биринен орун талаша жайгашкан тамак иччү жайлар да элге толо.

Бекен парктагы бир орундукка келип отурду. Ал отурары менен Макан келип кол берип, жанынан орун алды.

– Бир жакка барып келдиңби? – деди Бекен сөз баштап.

– Баягы эки неменин абалын билип келейин дегем. Жакшы экен.

– Ырас болгон тура.. . Макан, бүгүн да келди бир желмогуздай болгон неме, сени издеп. Катуу шек алып калган окшойт. Кайда экенин билбейм, катуу урушканбыз, экинчи мамилебиз болбойт дедим.

– Ишендиби аныңа?

– Ким билет. Жойпу экени көзүнөн көрүнүп турат.

Бул экөөнө гана белгилүү сыр эле. Бекен менен Макан катуу урушуптур. Экинчи биринин бетин экинчиси өлүмү карабай турган болуптур дегенди уккандар ишенип-ишенбей жүрүштү. Анткени Токен өлгөндөн кийин мурун эле Маканды агасындай көргөн Бекен ого бетер жаны бирге болуп калган да. Макандын оюнан чыккан ошол «урушуу» – Токенди атып кетишкенден кийин Макан ошол аткандардан кандай да болбосун өч алмак. Жалгыз инисинин жанында жүрүп, анын кол алдында иштеп, ал ишти жасоого болбойт эле. Кайып-каскагы Бекенге да, анын үйбүлөсүнө да тийиши бар болчу. Баарын таразалап, ой калчап, анан Бекендин макулдугун алып «катуу урушуп, бет карагыс болуп» кеткен. Экөө кез-кези гана, өтө зарыл болгондо жолугушат. Макан өз квартирасын бекитип, шаар четиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде квартирада турат, үч бөлмөнүн бир бөлмөсүн ээлеп. Кожоюндары орус абышка-кемпир. Эч нерсе менен иштери жок.. .

Барсты атып, өлтүрө албай калган «сакалчан» ушул Макан, ооруканадагы Ромдун бир жигитин жайлаган да Макан. Барс тирүү калып, ал курорттон келгенден кийин эми тирилгис кылмак болуп аңдууга алганда, аны өздөрүнүн бирөө атып салбадыбы. Ал аткан жигиттин аты-жөнүн билбегени менен Ромдун жигити экенин айкын билет. Ал Макан атын билбеген неме Профессор болчу.

– Сен өтө сак болушуң керек, Маке, – деди Бекен. – Сенден айрылсам менин жашоом да болбос. Барс жоголду, эми жөн койсоң кантет башкаларын?..

– Токендин куну бир-экөө менен бүтпөйт, көксөм суубайт. Ромдун суналып жатканын көрмөйүн бүтпөйт, – Макан тиштене калды. – Баарын тынчыткандан кийин гана токтойм!

– Алар да оңой эмес экенин да ойлошуң керек.

– Ойлоп койгом небак эле. Бирок менде тынчтык болбойт, алар тирүү турганда. Маканды ал оюнан кайттыруу болбостугун Бекен жакшы билет да.

– Өтө сак жүрө көр, – деди Бекен дагы кайталап, – «сактанганды сактайм» дейт тура Кудайым. Ушуну унута көрбө. – Ошону айтып колуна илип жүргөн чакан сомкесинен кагазга оролгон акчаны сунду, – ме, эки айыңдын энчиси.

Макан аны алып жатып айтты:

– Бекер оокатка көнүп алдым окшойт, рэкеттерден айырмам болбой калдыбы дейм.. .

– Канча айтам, бу бекер акча эмес, өзүңдүн процентиң, досуңдун керээзин гана аткарып жатам.. . Өзүмдөн сага бир тыйын да чыкпайт, үмтөтпөй эле кой, – деп Бекен күлдү.

Экөө бат эле коштошуп, эки жакка кетишти.. .

***

Мент өтө сак, өтө куу болгону менен, кез-кези ичкенде түбүнө түшүрө ичип, буту шилтенбей, тил-ооздон калганча ичип, ага чейин ашыгыраак сүйлөп таштачу. Мындай окуялары бир жылда же эки жылда бир болгону менен, ошончо убакыт унутулбай өзүнө зыян кылып таштайт. Бир ирет ошентип ичип алып бир жигитке: «Ром-промуңду уруп ойнобойм» деп алып, эртеси тиги жигит келип: «Ошентип айтканыңды шеф уксачы, ыя?!» деп кылтыңдаганда, Мент ага жалынып-жалбарып, бутунан өбө жаздап, анан туура миң доллар берип оозун баскан. Кийин да бирде болбосо бирде айтып салып күнүмдү бүтүрбөсө экен деп жүргөндө ал жигит ооруканада Барсты кайтарып жаткан жеринен Макандын огунан жок болду. Ким атса да анын өмүрүн берсин деп Мент аябай кубанган.. . Эми дагы тилинен көргөнү калды окшойт.

Баарын баштаган Профессор болду. Туулган күнүм деп Ментти баш кылып, жети-сегизин мыкты ресторандардын биринде сыйламай болду. Баары келип үстөл үстү ийиле дүйүмгө толуп, Профессорго жакшы каалоолор айтылып, жүрөк өрөпкүтчү музыка угуп, дурус отурушту. Бир маалда кызый баштаган Мент сунуш киргизди:

– Прфессор, бу жерде жакшы эле отурдук, эми калганын меникинен уланталы. Короого, таза абада отурабыз, кыздар бийлеп берет, кааласаң сауна бар. Кеттикпи?

– Кеттик, – деди Профессор. А да кызымтал эле, бирок бу неме кез-кези тартынбай ичсе да, акылы тунук бойдон калчу, кызыган сайын чыйралып, ар бир сөзүн таразалап турчу.

Экөөнүн жанындагы жигиттери кримдүйнөнүн тилинде «шестеркалар». Алардын оюн сурашпайт, буйрук гана угушат аларың. Үч-төрт машине менен Менттин үйүнө жөнөп калышты. Менттин бул үйү жалаң табышкерлер үй салган жерде. Заңгыраган сегиз бөлмө, ванна, туалети экиден, короодо сауна, баш-шагы да жакшы. Бул үйдү Менттин аялы да билбейт. Ишин прокуратура текшерип, камала турган баштанган бир бизнесменден жарым эле акчасына сатып алган. Кез-кези чүрөктөр менен келип саунага түшүп эс алып кетет. Бир кароолчуну коюп койгон мылтыгын кошо берип. Ошол неме короо-жайга да, бак-шагына да көз болот, ошол жерде жашайт. Түрмөгө үч-төрт жолу түшүп, жаман-жакшы ишке небак башы бышкан эргул.. .

Мент менен Профессорду ал үйгө түшүрүп коюп, калган жигиттер кайра кетип, бат эле келишти. Тамак-ашты да, ышкындай солкулдаган кыздарды да кеңири басып келишиптир. Короодогу жүзүмдүн көлөкөсүнө коюлган узун үстөлдүн үстү жайнап, магнитофондон шаңдуу музыка ойнолуп, кыздардын күлкүсү жаңырып, кимди ким укту бака-шака башталып турду. Пивосунан жан адам ичпечү коньягына чейин ичкилик кенен ичилип жатат, төгүлүп-чачылганы канча. Дагы бир-эки сааттай өткөндө таптакыр эле бирин-бири укпай, аял-эркек болуп ар-ар жерде жүрүшөт. Эркек жетпей калган үч-төрт кыз көрүнгөн жупка тоскоол болуп, бутка чалынат.. . сөгүнүп-сагынат.. .

Мент адегенде эле узун бойлуу, арыкчырай каратору кызды кармаган. Көздөрү бакырайып эркекти жутуп жиберчүдөй болуп карап, өзүнө магниттей тартып жалжылдаган. Жалаң орусча сүйлөйт экен. Өзбекпи же тажикпи, же цыганыбы, иши кылып, кыргыз эмес. Сен кимсиң деп Мент сураган да жок. Кызып калган неме кызды сыга кучактап бетинен аймалайт. Рюмкага коньяктан кайра-кайра куюп жатат. Өзү биринчи ичип жиберет, кыз болсо аздап, бирин ичсе экинчисин серпип таштайт.

Силердин шефиңер тетигиби? – деди кыз бир маалда бир кыз менен маңдай-тескей отуруп сүйлөшүп жаткан Профессорду көрсөтүп.

– Ошобу?.. Ошонун энесин урдум. Ал деген мага шестерка болот, билсең.. .

– Баарыңар ошондон коркот экенсиңер го?..

– Ким коркот? Менби?! – Бир топ кызып өзүн кармай албачу абалга келген Мент Профессорго кыйкырды: – Эй, Профессор, мобу шуркуя мени сенден коркот окшойсуң дебатпайбы. Мени коркутчу сенсиңби, ыя?!

Профессор теңелген жок, анын сөзүн укмаксанга салды эле, Мент күчөнө кыйкырды:

– Эй, энеңди, мен сага айтыбатам, жооп бербейсиңби?! Сенин тагдырың мага тапшырылган, уктуңбу, энеңди.. . десе?!

Профессор дале үн каткан жок. Оңдой берди болуп ордунан тура жөнөмөкчү болгон Ментти бу бакыраң көз кыз колунан тартып ороло кучактады эле, кыз кумары ачууну жеңип кетти – кызды оролто көтөрүп үйгө кирип кетти.. .

Сыртынан билдирбегени менен Профессордун ичи бороон эле. «Тагдырың мага тапшырылган» дегени эмнеси. Бирөөнөн заказ алганбы? Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Барсты жок кылганымдын шек-шыбасын билип калганбы? Андай болсо өлгөнүм ошол! Ромго жетсе териси тескери сыйрылбайбы.. . А балким?.. Эмне болгон күндө да абалы өтө оор болуп калган экен, өмүрү бычактын мизинде калган тура.. . Профессордун жүрөгү чыгып кетчүдөй сокту. Эмелеки куунак көңүлү көз ирмемде муздай тоңду. Маңдайындагы чүрөккө эч нерсе айтпай, теңселе басып короодон чыкты да, машинесине отурду. Жигиттери да аны менен иши болгон жок. Баары чардап, топон суу каптаса тоотпочудай абалда эле.. .

***

Профессордун сабыры суз. Баягы Менттин айткандары жанын коерго жер таптырбай мыжыганы мыжыган. Аны жоготпосо болбойт. Бирок өз колу менен эмес, бирөөнүн колу менен. Болгондо да өздөрүнүн жигиттеринин көзүнчө жоготтуруш керек. Шек-шыбаага кабылбагандай кылыш керек. Кантип?

Ошентип эзилип жүргөн күндөрдүн биринде карта ойногонду жанындай көргөн бир жигити деп калды, кабинетке кирип келип эле:

– Дайым чыр чыгарат, энеңдурайын десе!

– Кимди айтасың?

– Кимди болмок эле, Ментти айтам. Чыр чыгармайын таза ойной албайт. Азыр эле каратып туруп элүү долларымды утуп албадыбы, чырдап атып.

Профессор бу сөзгө жабыша калды:

– Таза ойнобойсуңбу дебейсиңби, анан.

– Айтып эле жатам. Атып салам деп коркутат, энеңдурайын!

– Атып салыш эле сенин колуңдабы дебейсиңби?

Жигит унчукпай калды. Ментке антип айта албайт болчу, укугу да жок эле.

– Ал Ментиң дайыма эле сени басынта берет дешет го?.. – Муну Профессор жөн гана айта салды.

– Дайыма ошол, бир күнү.. . – Жигит сөзүн бүтүрбөй токтоду. «Бир күнү бирди көрөт» деп айтмак. Токтоло калды.

– Басынып жүрө бересиңби? Эмдиги жолу ачык эле айт. Бирдеме десе, мен бар эмесминби, – деди Профессор тигини тукура дем берип.

Демденген жигит тиштенип турду:

– Бирди көрсөтпөсөм элеби.. .

Ошондон эки-үч күн өткөндөн кийин Профессор баягы жигит кабинетине киргенде сурап калды:

– Карта ойнобой калдыңар го, ыя? Мент баарыңардын көңүлүңөрдү калтырган го?

– Эмнеге ойнобойбуз, ойнойбуз. Бүгүн кечинде Менттин кабинетине чогулабыз.

– Чырдап атып зордук менен утуп алат да баары бир, – деп Профессор тигини шыкактап койду.

– Зордуктатпайбыз! Ошентип эле көрсүнчү, тим эле.. . – Жигиттин бул сөзү Профессорго аябай жакты.

– Сенин утушуңа тилектеш болуп коеюнчу, – деп шкафтан арак алып чыгып сок иччү чоң стаканга баса куйду, – ме, момуну тартып жибер.

Профессор сунуп жатса тиги ичпей коймокпу, бир эле тартты. Профессордун жылма көкүткөнү да, ошол толо арак да кылгылыкты кылган экен, эртеси кумарчылардын окуясы уу-дуу кепке уланды.. .

Картаны Ромго билгизбей жашыруун ойношчу. Бир уттурганда беш миң долларга чейин уттурганы бар эле, атургай бир жигит жапжаңы алган «Маздасын» уттурганын Профессор жаңжалдан кийин укту Ромдун кабинетинен.

Профессордун демин угуп, арагын ичип барган жигит, Мент, дагы үчөө кошулуп, оюнду баштагандан аз өтпөй Мент чыгып баштайт. Дал ошол учурду күткөн денеси ысык жигит тигини ачуу сөз менен каптап кое бергенде, Мент аны тумшуктан ары-берип калат. Жаны ачыган жигит ордунан атып туруп, башкалар арачалаганга болбой, отурган стул менен Ментти башка чабат. Анын ошол жерден эси оойт, баш жарылат. Анын эки жигити кол салган жигиттин эки жагынан чыгып кабыргасын сындыра тепкилеп салат. Экөөнү тең «тез жардам» чакырбай, өздөрү ооруканага жеткиришет. Ал окуяны Ром эки күндөн кийин угуп, белдүү жигиттерин тандай чакырып, жүрөктөрүнүн үшүн алат. Ооруканада жаткан немелерди да, алар менен чогуу карта ойногондорду да экинчи бул жакка жолобосуна өкүм чыгарат. Эми алар эсен-соо кетер бекен бу жерден? Баарынын ойлогондору ошол.

Профессордун сарсанаасы басаңдай түшкөндөй болду. Бирок.. . Бирок болгон эмес, боло элек окуянын аки-чүкүсүн аңдай алчу Ром бир нерседен шек санап калды дегенче жашоо соолду дей бер. Кабыргасы сынган жигит «мени Профессор Менттен коркпо деген, арак да куюп берген» деп бирөөнө айтып койсо бүттү да.. . Профессор айла издеп, ар түрдүү жол издеп жанталашат.. . Бирок Профессор бекер эле жанталашыптыр, эки күн өткөндөн кийин ооруканадагы жигит менен Мент врачтардын жанталаша жол издегенине карабай, денелери ысып-күйүп, чабалактап жатып жан беришти. Ошол эле күнү кечте карта ойноп айдалгандардын баарынын ок тийген өлүктөрү шаардын ар кай жеринен табылды. Алардын өкүмүн ом эбак эле Ром небак эле чыгарып койгон. Профессор илдирбей түшүндү.. .

***

Профессордун ошону менен санаасы бүтпөптүр. Анткени бир айдан бери Ром аны чакырта элек, «Барсты аткандарды таптыңбы?» деп сурай да элек. Эсеп-чоттон чыгарып салгандай. Андай болсо «сен да жоксуң» деген кеп эмеспи.. .

Профессор Ромго тиешелүү эки заправканы, жалаң чет өлкөдөн алынып келчү тамак-аш саткан супермаркетти башкарат. Алардын иши кынтыксыз жүрүп, пайдасы ашып-ташыйт. Эсебин Ромдун ишенимдүү бухгалтерлери алып турат. Профессор түшкөн акчага ээ эмес, бирок акчадан да каржалбайт, түшкөн кирешенин беш процентке чейинкиси ага тиешелүү, аны Ром жеке чечет, ал процент кээде үч же төрт процент болуп калат. Бул Ромдун көңүлүнө жараша. Күнү-түнү иштеген заправкадан, супермаркеттен түшкөн кирешенин үч-төрт проценти деген жан адамдын түшүнө кирбеген акча.. . Ушул азыр Ром: «Сенин колу-жолуң бош, өзүңчө оокат кыл» десе, Профессор өзүнчө бир фирма ачып, бай, тың бизнесмендердин катарына кошулуп кетчү каражаты бар, колунан да келет. Долларга айланган акчасы өзү гана билчү жерде керексиз жатпайбы.. .

Профессордун бир квартирасы шаар четиндеги паркка жакын. Кез-кези ошол парктагы кафенин экинчи кабатына чыгып, ээн столго отуруп шашпай пиво ичет.

Профессор четтеги ээн столго отуруп, официант алып келген пиводон аздап ууртап, ылдыйдагы өткөн-кеткендерге, ойногон балдарга көз жүгүртүп отурду. Кылмышка толгон турмушу унутта калып, жай турмуш келди оюна. Балалыгы көз алдынан чууруду. Энеси менен атасын эстеди. «Бузуксуң» деп көп жылдан бери сүйлөшпөй, катышпай калган мугалим агасын эстеди. Наркы-терки чуркап жүргөн балдар.. . Ажырашкан аялынын колунда калган уулун эстеди. Аты – Медер, быйыл мектепке барды дейт. Аны көрө элегине үч-төрт жыл болду. Кеткен аялы ушул эле шаарда жашайт, үстүнө бирөөнү киргизип алыптыр дейт. Кез-кези менен уулуна деп акча берип жиберет. Ошол акчадан кеткен аялы үйүнө киргизип алган неме кошо коротушуп жатат да, деп кээде ичи күйөт, кайра эмне болсо ошо болсун деп кол шилтейт.. .

Профессор балдардан көз албайт. Бир жигит үч-төрт жашар уулун мойнуна мингизип алыптыр, анысы тулпар мингенсип желип-желип коет. Ошол көрүнүшкө суктанып кетти. Далайдан бери көрө элек уулун эстейт. Эртең сөзсүз барып, машинесине салып ары-бери ойнотуп келет – ушундай чечимге келди.

– Макан, быяктамын! – Бул үндү уккан Профессор ал жакты шарт карап, бурч жакта отурган Бекенди көрдү. Ал чакырган жигит жапалдаш бойлуу, мүчөсү келишкен, көздөрү чеңкил татына жигит жанына барып отурду. Профессор байкатпай экөөнөн көз албайт. Мына, Макан дегени ушул турбайбы. Небак урушуп кеттик деп коюп, баарын жасап жаткан ушулар тура. Профессор кым деди, буюрса, бул экөөнү сүйлөтүп, Барсты ушулар жайласа, чынын айттырып Ромдун алдына салып берет. Эмне кылса ошо кылсын.. . Өзү болсо бир чоң иш аткарган болот, Ромго дагы бир кадам жакындайт.

Бекен менен Макан ал жерде көп отурушкан жок, бир кружкадан пиво ичип, азга сүйлөшүп эле туруп кетишти. Профессор арткараак басып алардын артынан басты. Экөө кафеден чыгып эле коштошуп, эки жакка жөнөдү. Профессор Макандын артынан басып, парктын чет көчөсүндө турган «Жигулисине» отуруп кете берди. Профессор машиненин номурун даана көрө албай калды. Анын зарылдыгы деле жок болчу, Бекендин кай жерде экенин билет да, ошол өзү таап берет «уруша кеткен» досун.. .

Профессор Макан менен Бекендин «урушканы» жөн экенин, экөө кезигип турарын билип, алардын өмүрү коркунучта калган күнү төшөктө кыймылсыз жатчу Кенже менен анын жанынан жылбай өз энесиндей бапестеп багып жаткан Нестан экөөнө таң эртеңден майрам болуп, таптаза жүрөктөрүнө жыргал жылоолоп, бири-бирине ого бетер берилип, анысын билдирмекке жакшы сөздөр издеп турушкан. Нестан бүгүн Бекендин ата-энесиникине барып Макан менен Бекендин жайын сурамак. Буга Кенже Нестанды бир ай бою даярдабадыбы.. .

– Некен, акчаңды бекем салдыңбы?

– Салдым.

– Дагы бир текшерчи. Акча дегенди текшерип турбаса болбойт.

Нестан терезеде турган чакан кара сумканы алып Кенженин баш жагына келип жерге чөгөлөй отурду да, андагы акчаны санады:

– Мына, толук эле экен.

– Сак бол. Азыр заман жаман, ууру көп, алдырып жибербе, балам.

– Колтугума бекем кысып алам да.

– Колтугуңан да жулуп кетчүлөр четтен чыгат.

– Анда боосун колума ороп алайын.

Бу сумка Кенже жаш кезде, күйөөгө тийелек кезинде алынган. Аз-аз көтөрүп, анан көтөрбөй калган. Дайыма чаң-чуңун сүртүп, көрүнүктүү жерге коюп койчу. «Ырыстуу сумка болсун» деп Нестанга берген.

– Жок, алдагынтип орогонуң болбойт. Жөн эле көтөрүп ал, бирок бекем карма, сак болбосоң жаман.

Эзели сумкага акча салып көтөрүп көрбөгөн Нестан санааркайт. Анан калса колунан жула качкан немелерди элестете албайт. «Кантип эле бирөөнүн сумкасын жулуп алсын.. . » деген ой келет. Ошондой болоруна таң калат. Ишенгенге чамасы жетпейт.

– Автобуска төлөп жатканда акчаңдын баарын чыгарба, жетерлик эле апер.

– Макул.

– Тиги кетти беле?

– Кеткен. Буудай чаптырам дейт.

– Аа, анда ырас кеч келет экен. Тур эми, кийинип келчи.

Нестан төркү бөлмөгө барып небактан даярдап койгон кийимин кийип келди. Асман түстөгү костюм-юбка. Кенжеге жакпай улам бирди Куланга алмаштыртып келип жатып ушуну тандашкан. Нестанга куюп койгондой, анан калса жарашканын айтпайсыңбы! Кеп кийимде эмес, кеп өң-келбеттеби, Нестан не кийсе да жарашып жатып калат. Кийинип келген Нестан кирери менен Кенже дароо эле айтты:

– Некен, чачыңды түшүрүп эки бөлүп өр. Тиги айбанга аял атың болгону менен, сен кыз эле бойдонсуң. Эки бөлүп өр, баягүнү эле айтпадым беле. Бол балам, шайтан сайып тиги айбан кирип келсе, балээ башталат.

Нестан артына чогулта байланган чачын түшүрүп, апасынын жанына чөк түштү да, эки бөлүп өргөнгө киришти. Жакшы өрө албай койду. Кенже кызды өзүнө жакындата эңкейтип, алсыз колу менен анын чачын туура экиге бөлүп, далай убара менен өрүп берди. Анан Нестанды наркы-терки бастырып көрүп, сумкасын карматып бастырды.

– Ка-ап, боосу узун болсо ийинге асынып алсаң сонун болбойт беле. Мейли, мындай деле жаман эмес. Кичине ийиниңди көтөр басчы, башты да бир аз өйдөрөк кыл. Ии, ошентип бассаң, жаш эмессиңби, каралдым десе.. Бутуңа кайсыны кийесиң?

– Кара туфлийди кийейинби?

– Караны кой, берки агыңды кий. Алып келсең?

Нестан ак туфлисин алып келди эле, Кенже аны да кийгизип, наркы-терки бастырды.

– Мына эми накта периште болбодуңбу, каралдым.. . Шашпай, элеңдебей токтоо бас, машине-сашинеден сак бол.. . Кайра келгениңче сарсанаа болубатып карып кетем го.. . Кана, кайра бир жолу айтчы, бүгүн эмне ишти бүтүрүп келесиң?

– Бекен менен Макан байкенин кайда иштерин, кайда жашарын билип келем.

– Жок, баарын айт, үйдөн чыкканыңдан башта.

– Сиз менен коштошуп үйдөн чыгам. Дүкөндүн жанында остановка бар, ошол жерден автобуска отурам. Акчанын баарын алып чыкпай, ченеп алып чыгам.. .

Ушул жерден Кенже күлүп жиберди.

– Ай, балам ай, акчага чейин айтасың да.

– Антпесем болбой атпайсызбы.. .

– Ии, айта бер.. .

– Анан райондун борборуна жетип, биздин айылдын автобусуна түшөм. Түз эле Байкел атанын үйүнө барам. Бекен байкени сурайм.

– Дароо эле сурамак белең, адегенде жакшылап денсоолуктарын, ал-абалдарын сура. Чай берет эмеспи, андан шашпай ич. Анан барып сура. Дарегин жазып ал. Баса, кагаз менен ручкеңди салдың беле?

– Салгам.

– Ии, айта бер.

– Дарегин жазып алып кайра тартам.

– Үйүңө барбайсың, аны эмне айтпай калдың?

– Үйгө барбайм. Түз эле келем, эч ким менен сүйлөшпөйм.

– Тааныш болсо да сүйлөшпөйсүң, жөн эле учурашып коесуң, уктуңбу?

– Ии.. .

– Жөнө эми, жолуң ачылсын, каралдым десе. Кел бери, эңкейчи.. . – Кенже Нестанды эки беттен эки өөп, калтырап муун-жүүнү бошойт. – Каралдым десе, минтип мунжу болуп жатпасам өзүм ээрчитип барбайт белем. Сак бол, уктуңбу? Жолдон өтөрдө шашпай эки жагыңды карап туруп өтсөң.. .

– Макул, – Нестан апасын чопулдата өөп-өөп алды. – Сарсанаа болбой туруңуз, бат эле келем, макулбу?

– Макул айланайын, күчүгүм десе, сак боло көр!

Периште болуп чыгып бараткан Нестандын артынан кыйкырып калды Кенже:

– Сак бол, балам. Түз кел.. . – Кенженин калтыраган үнү өрөпкөгөн ыйга айланып кетти. Бүт бугу азыр чыгып жаткансып буркурап жиберди, алсыз колдору менен бет аарчысын алып жашын сүрттү. «Жакшылыктан айрый көрбө, ушул байкушумду» деп тиленип алды.

Дал ошол маалда сырттан баягы Сонундун кекерлүү үнү шаңк этти:

– Ии, шерменде, кайда жасанып алгансың, жалаптыкка барчудай болуп!..

Бул үндү угуп Кенженин жүрөгү шуу этти. Бу жалаңкыч кайдан жетип келди экен, эмнеге келди экен. Ушул желмогуз келип кеткенден кийин Нестан бир топ күнгө жинди өңдөнүп калчу эле. Тигинин үнү дагы чыкты ар сөзүнөн заары куюлат:

– Ай, өлүгүңдү көрөйүн сойку, мелтейбей айтпайсыңбы, кайда баратасың шүмшүңдөп, ыя?!

Нестандын жообу жок. Кенже ушул азыр атып чыгып тигини чачтан уучтай эшикке сүйрөп чыкса кана! А, кокуй де, балээнин ошентеби?!

Бир маалда калдыр-шалдыр эле түшүп калды. Нестандын үнү чыкты:

– Сокпо! Тийбе дейм чачыма! Чачыма тийбе!

– Мына сага, өлүгүңдү көрөйүн жалап, мына сага! Кокуй, кокуй, өлтүрдү. Башымды жарып салбадыбы, кокуй! – деп эми Сонундун үнү боздойт, тирилей кескилегендей чаңырып.

Кенже дагы обдулмак болот. Кайдан.. . Жүрөгү кабынан чыкчудай согуп, калтырай коркуп кетти, Нестан бир балээ болдубу?..

– Некен, э Некентай! Барсыңбы, каралдым?!

– Бармын!

Көзүң жамандыкты көрбөсүн, чекесинен кан шорголоп, бетине жаба куюлуп кызыл-ала болгон Сонун кирип келди:

– Ой өлүгүңдү көрөйүн, мунжу жалап, тигиниңди көптүргөн экенсиң, карачы, момуну! – деп Сонун бетин көрсөттү, – соттотуп чиритем а жалабыңды!

Кенже туттуккандай сөз айта албайт. Тигинин бетиндеги кан коркунучтуу көрүндү.

– Чирип өлгөн өлүгүңдү гана көрөйүн, салбар, мунжу, ары жок, жалап немени көптүргөн экенсиң э, айгактап жатып. Абышкаңды абышка кыла албай сасып жатканча өлүп албайсыңбы!

Бычак болуп тийген сөзгө жаны чыдабайт Кенженин. Бу албуут жалаңкычка кайрып, какшата айтчу сөз таппайт, буулугат.

– Некенимдин балакетин ал! Ал деген жигитин таап келет. Ошондо адыраңдаганыңды көрө жатарбыз.

– Ии, баягы башкесерге жөнөткөн экенсиң да, э?! Ал башкесер неме сенин сойку күңдөшүңдү карап коер бекен. Атасынын башын да карабайт, бир эмес, эки неме талпак кылган шуркуяны урганы барбы, ой өлүгүңдү көрөйүн сойку-шал. Бетиңди бетиме теңейинби, ыя?! – Кенженин бетин башына кошуп жулуп алчудай качыра бергенде кирип келген Нестан анын бир колуна асылып бери тартып тырмышат. Сонундун ачуу тырмактары Кенженин бетине аз жетпей калды, кайрыла берип кийимдери айрылып, эмелеки периште кейпи кетип, чачы апсайган Нестанды башка-көзгө койгулап кирди, – ме сага, өлүгүңдү көрөйүн жаш жалап! Мен сага! – Жалап деген сөзүн ар сөзгө кошуп, башын да калкалабай бир колуна үнсүз асылган байкуш кызды сого берди.

– Ой, бу эмне, ыя, энеңдурайын! Токтот! – Капыс кирип келген Кулан экөөнө мантаңдай жетип, эркек эмеспи, албуутуна тирижан чыдагыстай кутурган Сонунду көмөлөтө койду. Анын колуна тырышып колу каткан Нестан албууттун үстүнө жыгылды. Сонундун үнү басылбайт:

– Эмне согосуң, ыя, өлүгүңдү көрөйүн чочко! Мени менен жатсаң жакшымын, эки жалабыңдын жанында жаман экемин да, э?! – Күлтүйгөн неме үстүндөгү Нестанды көмөлөтө түртүп, Куландын бетине жетти да, бир апчып өттү. Тырмактары өткүр экен эркектин бети тарам-тарам кызара түшүп, чыбырчыктап кан сыбызгып кетти. Кулан ысый түшкөн бетин бир жанып алып колундагы канды көрдү да, ачуусу ашынып кетти, анткени анын бети эч качан тытылган да эмес, кол тийген да эмес. Сонунду кайра качыра берип, дагы көмөлөтө койду, анан тепкилеп кирди. Зоот уйдай күлтүңдөгөн катындан жүрөгү түштү, жо-ок, тепкилегенден эмес. Куландын тултуйган жүзү кан ичкендей кумсарып, көзү чанагынан чыкчудай чакчаят. Бут менен бирөөнү тепкилегени ушул, бала кезден уруш-мушташтан алыс болчу. Сонун анын ушул өтө коркунучтуу абалын биринчи көрүшү, болбосо жайдары, эркелете эриткен жүзүн гана көрчү да.. .

Деле тири жан койбочудай алкынып-жулкунган Сонун өлтүрүүдөн кайра тартпачудай Куландын кан ичкендей кебетесинен жүрөгү оозуна тыгылды, жанталаша сыртка качып чыкты. Чекесинен кан дале сыбызгып, аны улам колу менен бетаарчысыз сүрө берип, бүт бети канжалаган. Бу оңой катын бекен эмне?! Көчөдө эч ким менен иши болбой албууту кайра ордуна келип, артистигин ашынта алчактай басып, түз эле айыл өкмөт кеңсесине келип, өкмөт башчысынын кабинетине сүзө качырып кирип келди. Кабинетте беш-алты киши олтурат эле жүрөгү жок бир-экөө эпсиз канжалаган аялды көрүп, орундарынан атып турушту.

– Кулан менен катыны экөөлөп өлтүргөнү жатканда араң качып кутулдум, өлүгүңдү көрөйүн, кан ичкичтер десе, участковый кайда?! – Сөз башы ушул болуп анан сөз тандалбай шатырата сөгүндү, каргап-шиледи Кулан менен катынын. Отургандардын бири коңшу бөлмөдөгү казысы кучак, ыңгыранган участковый милийсаны ээрчитип келди.. .

***

Ошол күнү Кулан да, Нестан да таң заардан турушкан. Бири – быйыл түшүм мол болот деп кудуңдап жүрчү эгинин чаптырмакка, бири – эки ирет көрүп, анын «алтыным» деген сөзүн жүрөктүн тээ тереңинде бапестей катып, ошону эстегенде анысы жыргал апкелген, кумар апкелген, жанын жыргатып таштачу адамын издеп келмек.

Нестан Кенжеге кийимин көрсөтүп, кантип барып келмегин айтып сындан өтүп турганда кандай гана делөөрүдү дейсиң. Маканы ойдон кетпей, кеп-сөзү Кенже менен болуп жатканы менен, дилинде Маканы менен сүйлөшүп, аны түбөлүк тирек-жөлөк сезип, аныкы болуп өзүн арнап, бат эле ага жеткиси келип турбабыды. Апасы кайра-кайра сындан өткөрүп, майда-баратына чейин айттырып, капастагы кептердей кылды го бир.. . Азыр эле Маканына жетип барып, анан экөө келип Кенже апасын салып кетет, чоң шаарга кетишет, көп кабаттуу үйдө жашайт. Үмүт-санаа ошентип жыргатат.

Анан жөнө эми деген Кенженин сөзү сонун угулуп, сырткы үйдлөгү туфлисин кийип жатканда Сонун кирип келбейби. Көрүп эле жүрөгү бир тыз этип, лакылдай сокту, титиреп кетти, өңү купкуу. Сонун кеп-сөзгө келбей эле ачуу сөзү менен каарый берип, адатынча башка согуп, чачына асылды. Ошондо жан соога издеген Нестан качып буйтай бергенде Сонун сүрдүгүп барып газ плитанын кырына чекеси менен тийип, чекесинен кан жая бербедиби. Балээ эми башталды, көчүгү түшкөн аюудай чаңырган Сонун Нестанды жулмалап, чачы-башынан да, кийиминен да тамтык калтырган жок. Жедеп күйүгүп сокконго, жулмалаганга алы келбей калганда гана Кенженин үстүнө кирип барбадыбы. Ордунан араң турган Нестан апасын коргоп алмакка артынан кирген, эпадам Кулан келип калбаганда эмне ойрон болот эле, ким билди?..

Бир жума мурун Нестан Куландан акча сурады, Кенженин айтуусу менен. Автобуска түшүп, Макандарды издебейби. Нестан өзү сөз баштап сүйлөгөнү ушул. Эч качан Куланга кайрылып сөз айтып көрө элек эле. «Чай ичиңиз» дегенди да айта элек. Тигинин сөзүнө кез-кези «бар-жок» сымал жооп бергени болбосо, анын жанында дудук. «Мага акча бериңизчи?» дегенди уккан Кулан селт эте таң калган. Сүйүнүп, каткан жеринен арбын акча алып келип берди. Нестан акчаны санаган жок. Ага кош көңүл сумкасына салып койгон. Кулан «акчаны эмне кыласың?» деп сурабады. «Акчага кароо эмес, акча менен иши да жок, ырас тура.. . » деп ойлосун деди. Бирок ичинен кан өтүп турду. Акчаны обу жок чача бербегени менен, өтө кароо да эмес. Бу акчаны эмне кылат? Атасына барып учурашып келейин дегенби? Андай болсо бир ооз айтат эле го. А балким.. . Балакет басып көңүлдөшү болуп жүрбөсүн?.. Баягы: «Түрмөдөн чыккан неме менен көңүлдөш болуп кеткен, катуу карма, жакшы сөз, жакшы мамиледен кенедей да көрсөтпө» дебеди беле Сонун. Ошол бандитине береби акчаны? Муну ойлоп Куландын кызганычы ашып-ташып, жүрөгүн мыкчыйт. Какыс-кукус кылып айттырып албайбы? Жок, болбойт. Анда биротоло жек көрүндү болбойбу, ансыз деле араң жүргөн неме.. . Кулан Нестанды чындап эле жакшы көргөн эмеспи. Жыл айланып төрөтүп алса, бу жерден кеткис абалга жеткирсе, анан көзүнүн кареги менен тең айлангандай кылбайбы.. . Азырынча чыдаш керек.

Жана Сонун качып баратып: «Ойнош бандитине качкан шуркуяңды коргойсуң э, сен ошондон көрөсүң, өлүгүңдү көрөйүн, карыган аңги!» деп, кетпес санаа, кайтпас кызганыч таштап кеткен. Дили уйгу-туйгу Кулан комбайнерлерду сыйлачу акчасын унутуп кеткен, кайра келгени да ошондон, аны алып кызганыч-кайгысын кошо көтөрүп айласыз кетти.. .

Кулан кеткенден кийин Кенже менен Нестан үн катпай, ар кимиси күйүттүү ойлордун туткунунда биртопко турушту. Аз мурунку экөөнүн дилине бир келген майрам-тилеги ойрон болуп, тозок талаасына алпарып ташитагандай эле. Тээ көптө барып улуулугун, көптү көргөндүгүн кылды Кенже:

– Некен, бери келчи, каралдым.

Эмне болуп кеткенине акылы жетип-жетпей дал болуп, тизесин кучактай отурган Нестан Кенженин сөзүн угуп буркурап жиберди. Ордунан туруп араңжан немени кучактай жыгылды. Кенже аны алсыз колу менен кучактап:

– Каралдым менин, каралдым десе, болду ыйлабачы, күчүгүм десе. Баары жакшы болот, – деп өзү араң туруп Нестандын ыйын баскысы бар. – Ошол айбанга да киши таарынабы? Ошол айбанга кантип киши таарынсын. Адам катарынан чыккан неме да бир.. .

Нестан ансайын буркурайт. Кез-кези «апакелеп» коет, ый ортосунда.

Кенже өпкө-өпкөсүнө батпай буркураган немени далай сөз айтып жооткотуп, жалынып-жалбарып атып араң дегенде токтотту:

– Баары жакшы болот. Жүрөгүм сезип атпайбы ошону. Баса, түндө түш да көргөм, Макан экөөң аппак кийинип алып кетип баратыпсыңар гүл аралап, кол кармашып..

– Сиз дагы жүрүпсүзбү?

Кенже күлүп жебирди:

– Мен жүрбөсөм, силерди кайдан көрмөк элем, – көз жашы кургай элек Нестан кошо күлдү.

Участковый кирип Сонундун кебетесин көрө делдейе калды эле, аял түз качырды:

– Мына, тартип сактаган айылыңдын кылганы, өлүгүңдү көрөйүндөр десе!

Милийса чыртыя түштү:

– Ой, сен эмне жулунасың, ыя?! Эмне болду, нормальный түшүндүрбөйсүңбү?!

– Ай, сен кандай ороңдогон немесиң, ыя?! Эмне сен дейсиң, селейип калгансып?! Тиякта бир өлүмдөн калсам, быякта минтсе.. .

Милийса токтоолук кылды, айыл өкмөтү баш болуп толгон адамдар карап турса айласыздан ошентпейби, болбосо сен демек турсун, түз эле энесинен келчү катын экен.

– Ии, эмне болду, айтыңыз? – деди. – Жүрүңүз, менин кабинетиме баралы.

– Жок, ушул жерден айтам, – деди Сонун, – булар да уксун.

– Мейлиңиз, айта бериңиз?

– Сурабайсыңбы?

– Ким кызыл-ала кылды?

– Ким кылмак эле, жанагы жаш катын алып көпкөн өлүгүңдү көрөйүн Кулан деген неме катыны Нестан экөөлөп сабашты.

– Эмне деп сабашты?

– Жанагы жалап Нестандын энеси болом. Өз денемен чыкпаса да, кенедейинен бөпөлөп бакканымды кантейин!.. Ботом, бүгүн учурашып келейин деп келсем, кет деп кеп-сөзгө келтирбей үбөлүк менен чекеге чаап, чачы-башымды жулмалап жатпайбы! Күлтүңдөп турган жаш немеге алым кайдан жетсин, айлам жок туруп бердим.. . Анан өлүгүңдү көрөйүн күйөөсү Кулан келип арачалап койгондун ордуна мени тепкилеп жатпайбы, мас окшойт, кабыргамдан кабыргам жок, өпкө-боорум эзилип, аралашып калды окшойт, ох жаным! – Сонун кофтасын өйдө кыла берип көрсөттү, – мына, карасаңар.

Чын эле капталы кызгылт-көк тарта шиший түшкөн экен. Аны өзү да эми көрдү.

– Кабыргам боорума кирип кеткен окшойт, жан чыдатпайт, – Сонун келиштире онтоп, тигил экөөнү каргап да жатат. Аны көргөндөр шыпшынып, аздап боору ооруп да турушту.

– Эже, айтканыңыздын баарын жазып бериңиз, – деди милийса. – Карыганда алжыган экен Кулан байке. Авторитеттүү адам деп жүрсө.. .

– Авторитеттен кетеби, кызындай болгон кызыбызды зордук менен эле алыбалбадыбы, өлүгүңдү көрөйүн, аңги десе!

Милийса да, башка отургандар да Кулан аксакал токол алыптыр деп укканы бар, бирок кимди, кантип алганын билишчү эмес. Баары тегиз жаш кызды зордуктап алган Куланды жек көрүп турушту.

Сонун айыл өкмөтү берген кагаз, ручканы алып жазууга киришти. Жазаарда айтты милийсага:

– Жакшылап чара көрбөсөң, министриңе чейин барам, президентке чейин барам, уктуңбу?!

– Толук жазыңыз, – милийсанын жообу ушул болду.

Сонун арызын келиштире жазып, ошол жерден бети-башын жууп, чачы-башын түздөп, түз эле райборбордогу ооруканага келди. Оорукананын башкы врачы менен жакшы тааныш гана эмес, бир топ сырдаш да болуп жүрчү. Бул врач келин да Сонундай өңдүү-түстүү, килтиңдеп, аялдык энергиясы денесине батып-батпай, кайда короторду билбей дайым көзү тунарып жүрчү неме. Тийген күйөөлөрүнүн эсеби жок, тийбей калганы андан көп. Сонундун айткан окуясын жакшы угуп, дароо өзүнчө палатага жаткырып салды.

Эртеси таң эртең Сонундун күйөөсү тердеп-кургай жетип келди, телефон чалынган ага.

– Эмне болду, кокуй?! – деди кирип келип эле, башы таңылып жаткан Сонунду көрүп.

Анысы өңү-башын бырыштыра алсыз, айласыз жатканчалык кылып онтоп-онтоп алды, үзүлөргө аз калгандай онтоду.

– Эмне болду, берекем десе?! Ким бу сени.. . Айтчы, жаным?..

Онтоосу коштолуп, алсыз үн катты Сонун:

– Кулан жанагы сенин жашабаган шуркуяң экөө.. . тепкилеп.. . наркы-терки сүйрөп..

– Ок, жакшылык көрбөгөн энеңдурайындар десе! Түбүнө жетпесем элеби! – Кызынын түбүнө небак жеткен ата ушинтип турду аны Куланга кошуп.

Сонун эми таптакыр сүйлөбөй койду. Көзү жумулду, онтоп коет байма-бай. Күйөөсү айласы кете жалынып-жалбарып, анын ордуна бул азапты өзү тарткысы келип жатканын кайра-кайра айтып, Кулан менен жанагы шерменде, бузулган кызына бирди көрсөтөрүн бышыктап, Сонунду ага ишендирип, о далайга үнүн баскан жок.

Сонун ал келгенден мурун оюнда бир мыкты жигит менен таанышып, аны менен жаны бирге болуп, акча чачып өлкөдөн өлкө кыдырып, курортторунда чалкалап жыргап жаткан. Бу шүмшүк кирип келип бейиш турмуштан жерге түшүрүп салбадыбы. Анын ар бир айткан сөзү кыжырын келтирип жатат. Муну токтотпосо жаман катындай тилине алакачтырып кете берет.

– Ай, бар, бир кой союп кел, врачтарды сыйлап коелу, – деди Сонун.

– Кой сенден садага кетсин, куйкалатып келем. – Башка сөзү жок күйөөсү дароо жөнөп кетти.. .

Сонун бу күйөөдөн небак тажап бүткөн эмеспи. Деле ушуга көңүлү чапкан эмес, адегенде иши, анан тутам-тутам акчасы жакындаткан. Катындан айырмасы жок мындай эркек сөрөй кимге жакмак? Эркек деген кайраттуу болуп, өз билгенин бербей, кез-кези менен аялзатка үстөмдүк көрсөтүп турат дечү эле. а бу болсо аялынын турсийин жанталаша жуугандан кайра тартпайт. Ошон үчүн Сонун аны күндө алмаштырып турчу турсийинен да төмөн көрөт. Курч мүнөзү, курч сөзү жок, кыңырылып-кысынып, былбырай, эзиле сүйлөп эркелеткен болуп, аялдын алдында күчүн сезбей, алсыздыгын билдирип.. . же накта эркек же катын болуп жаралбай эки ортодо эсептелген мындай эркек кайсы аялдын көңүлүн таап, кумарын кандырмак. Катынга катын-эркектин канча зарылдыгы бар. Эркектик мүнөзү, кайраты жок болсо, чормойгон жеринде не баа?! Ушундай ойлойт Сонун. Бирок мындан кетүүгө да болбойт, дүнүйөсү кетирбейт. Күйөөм демиш болуп, өз каалаганын кылат, ким менен конуп-түнөйт – эрк өзүндө. Сонунга ошол турмуш керек.. .

Адам көңүлү гүл дегени чын эмеспи. Убагында сугарып, күн жакшы тийип берсе гүлүң бажырайып, көз жоосун алып турат го. Жакшы сөз угуп, жакшы үмүтүң болуп жашаган адам да ошол гүлдөй бажыраят. Кенже Нестандын көңүлүн гүл кылып турганда Сонундун айынан күтпөгөн окуя болуп, Нестандын көңүлү бат эле соолуй түшкөндөй болду. Баягы оту жок, үмүтсүз тиктеген көзү кайра калыбына келди. Таптакыр сүйлөбөй, оокатын айласыз жасаган болуп, бу жарык дүйнө бүркөлүп, жакшылыктан үмүт үзүлгөн, жакшылык эч качан болбочудай сезилди ага. Кенженин не бир сонун сөздөрү, алаксытканы, жаман ойдон арылткысы келгени анын көңүлүн оңдоого жардам бере албай жатты. Куландын алды-артына түшүп жалынганы ого бетер чүнчүтүп, ого бетер көңүлүн чөгөрүп тургандай. Элестегенде делбиретип, дегдетип, дилин балкытып таштачу Маканын көп эстебей калды. Эстеген күндө да баягы күндөрдө апкелген жыргалын тартуулай албайт, бир-эки ирет көргөн адамындай ысык-суугу сезилбейт. Өң-келбет көңүл маанайына жараша, аз күн мурун эле маралдай керилип турду эле, эми бүрүшө түштү, сулуулугун иичндеги өзү да ажыратып билбеген бир кайгы-муңунун алдында көрүнбөй калгандай болду. Таң заардан туруп Кенженин чекесинен сүйүп, анын не бир сонун кебин угуп, чакасына отургузуп, тамагын бапестей берип, анын жанынан үйрүлүп турчу. Эми деле жасайт ал иштерин, бирок жанына көп турбайт, жанына да жатпай калды. Ага Кулан таң калат, ичинде «ии, күйөөлүгүмдү эми сезе баштады окшобойбу» деп эркектигин жакшы аткармакчы аракетин кылат. Аны Нестан сезген да эмес, сезбейт да эле. Адегенде эле тозок болуп көрүнгөн Куландын койну эми ого бетер муздак. Өзүн жаш, кудуреттүү эркек кылып көрсөтүү үчүн жаналакетке түшкөн Куландын анысынан жакшы майнап чыкпай, Нестан үчүн анын төшөгү кыйноо тарткан караңгы, сыз ороодон алда-канча коркунучтуу, аны эстегенде жаш неменин денеси бир дирт этип алат.. .

***

Ооруканада жаткан Сонун раймилийса менен райпрокуратурага арызды келиштире жазып, «өлүп-тирилди» сыпатындагы справкаларды кошо тиркетип күйөөсүнөн бердирди. Буюрса, Нестанды да, Куланды да түрмөдө чиритпесе элеби.. .

Окуя болгондон эки күндөн кийин участковый Куландыкына келип Нестан экөөнө сурак жүргүздү. Нестан өмүрүндө милийса менен сүйлөшүп көргөн эмес, сүйлөшкөндү кой, жашы жыйырмадан өтсө да милийса дегениңди үч-төрт ирет эле көрсө керек. Ушу жашка чейин эч жакка чыкпаса ошо да. Эпсиз толук милийса ыңгырана басып Кулан менен кошо киргенде Нестандын жүрөгү кабынан чыга жаздады. Өңү кумсарып, башы айлана түштү. Денеси өзүнөн өзү калтырап, колундагы шыпыргысын койгонду унутуп, Кенженин үстүнө кирип жанына корголоду. Карышкырдан качып туңгшуюкка кабылган коендой эле бүрүшө калтыраганы.

Кулан кирип аны чакырганда селт эте калып, ордунан турууга чамасы келбей Кенжени карап жансоога издеди.

Кулан айтты:

– Милийса келиптир. Бир-эки ооз сурайм дейт.

Бу сөз Нестанга ок болуп тийди. Бакырып ийе жаздап, Кенженин алсыз колун бекем кармап, ошол кол гана аны сактап калчудай бооруна кысты. Барчу түрү жок. Кулан анын абалын түшүндү окшойт, чыгып кетип милийса менен кайра кирди. Ана көрүп ал, Нестандын денеси дирт-дирт этип Кенжеге ого бетер жабышат. Мына-мына бу милийса желмогуз баса калып жалмап койчудай, чачынан сүйрөп тепкилеп өлтүрчүдөй. Милийса азга туруп анан сурады, жумшак сүйлөгөнгө аракет кылганы менен үнүнөн көндүм оройлугу дааналанат:

– Атың ким эле?

Азыркы абалында Нестан атын эмес, а деп оозун ача алмак эмес, ого бетер апасына жабышат.

– Нестан, – деди Кулан жооп берип.

– Нестан, Сонун энеңди үбөлүк менен эмне үчүн чаптың? Өлүп калса эмне болот, ыя?! Ошону ойлодуңбу?!

Нестан жооп бермек турсун, берилген суроону оңдуу түшүнө алган жок. Калтырагы күчөп, өзүн небак жоготуп салган.

– Э кокуй ботом, ушу кантип үбөлүк менен чабат. Ал желмогузду чапмак турсун, үнүнөн коркуп атса.. – Кенже жооп берип бир колу менен Нестандын башын сылады, – адамга эмес, кумурскага зыяны жок мунун.

– Өз көзүм менен көрбөдүмбү, чекеси жарылып келгенин, – дедир милийса. – Көрбөсөм айтпайт элем да.

– Бул чаппайт, – деп Кулан жаш аялына болушту. – Сонун эле болсо чаптырып калсын.

– Сиз да ичип алып көгала кылып тепкилепсиз.

Эми Кулан селт этти:

– Мен.. . Мен деген.. . Ал өзү, – деп сөздөрүн байланыштыра албай айласы кетти.

Нестан менен сүйлөшө албасын милийса даана сезди. Куланга кайрылып:

– Байке, окуя кандай болгонун экөөңөр өз колуңар менен жазып мага апкелип бергиле, – деп бөлмөдөн чыгып кетти.

Артынан чыккан Кулан:

– Бирдеме кылып ишти бүтүрбөсөң уят го, ыя, иним? – деди эле тиги:

– Байке, бирдеме кылып бүтүрчү аял эмес окшойт жанагы Сонун деген неме, министрге чейин, президентке чейин барам дебатпайбы, – деп Куландын жүрөгүн түшүрө кете берди.

Милийсаны узатып коюп Кулан төркү үйдөгү диванга жатты да, окуядан кантип чуусуз чыгуунун жолуна баш катырды. Ушул пайгамбар жашынан өтүп калган кезде соттолуп отурса абийир кетпейби, кайрылгыс. Бу Сонун сойку менен кайдан да байланышып алган десең. Бирок ал болбосо бу мөлтүрөп, карынын эмес, мен деген жигиттерди дегдетип таштачу периштени кайдан тапмак. Анан калса көп жыл көңүлдөш болуп, далай кумардан чыгарып да келбедиби. Ар иштин ак жолу күндөрдүн бир күнүндө кара жол таап кетери да бар бу опасыз дүйнөдө. Ал албуутка теңелбей койсо болмок. анан ошонуку туурабы, эзели тырмак тийбеген бетине так салып.. . Кой, ал ажаанга теңелип, тирешип отурбай бүтүрүш керек. Атасы менен нечен жыл чогуу иштеп, өзүнө да далай жардам берген райпрокурорго бүгүндөн калбай барыш керек.. .

Кулан таңдан туруп түз эле райборборго келип прокуратурага кирди. Прокурор келе элек экен. Сыртка чыгып наркы-терки басты. Бу жерде аны көптөрү тааныйт, өткөн-кеткендер эпилдей учурашып, жай сурайт. Эмне иш менен келгенин баары билип тургансып намыстанып, уялып турду. Көптө келди прокурор. Утурлай баскан Куланды көрүп алыстан эле саламын берип, ылдамдай жетип эпилдей кол кысты. Абалын жакшы сурап, колтуктай кабинетине ээрчитип барды.

Бу кырктардан өтүп калган жигитке Куландын жардамы тийген эмеспи, окуусун бүткөндө жылуу орун таап берген, кийин бир районго прокурордун орунбасары кылганга ортого түшкөн. Анын үстүнө көп жыл бою атасы Куландын кол алдында иштеп да жүрдү. Жүрөктөн кеткен үч жыл мурун.. .

Кулан прокурорго келген жөнүн айтып бүтүп-бүтө электе ал жообун берди:

– О кокуй, ошо да баш катырчу иш бекен. Сарсанаа болбой бара бериңиз. Ишим көп, болбосо өзүм жеткирип барат элем. Машинем менен жетип алыңыз.

– Жок, рахмат айланайын, машине менен жүрөм.

Прокурор аны коштой чыгып машинесине отургузуп эшигин өзү жапты. Куландын көңүлү жай. Бу баланын жардам берерине ишенсе да түпөйүл болуп келген эмеспи. Мына, эмгегин унутпаптыр, рахмат анысына, өсчү бала эмеспи. Кулан келатканда машинесин айдаткан балага бир ооз сүйлөшпөй келди эле, эми наркы-беркиден сурап, өзү жакшы кептен айтып, тамашалай, айылга көңүлдүү кайтты.. .

Куланды узаткан прокурор дароо эле милийсанын начальнигин чакырды. Экөө далайга отуруп Сонунду тынчытуунун жакшы жолун ойлоп табышты.

Прокурор Сонунду жакшы тааныйт. Анын баскан-турганын ийне-жибине чейин билбесе да, кээ бир кылыктарын уккан. Атургай Кулан экөөнүн байланышынан да кабары бар.. .

Сонун ооруканада эки жумача жатып чыкты. Чекесиндеги так аз-аз каралжын тартып турганы болбосо, дени-карды соо. «Кабыргам сынды, талкаланды» деген сөзү долунун сөзү болчу да, кабыргасы деле бүтүн. Ал чыккан күнү күйөөсү жаңы үйлөнүп аткансып, аялы өлүп-тирилгендей болуп да сүйүнүп балканактай козу союп эки-үч киши чакырган болду.

Эртеси экөө эртең менен чай үстүндө отуруп Кулан менен Нестанды «түрмөдө чиритүүнүн» кебин кылышты.

– Өмүр бою алчактады эле, эми алчактаганын көрөйүн. Көпкөнүн көтүнөн чыгарайын! – деди Сонун заар тилин агытып, – жанагы шуркуя кызыңдын да шорун катырам.. .

Кой, кызым эмеспи деп аялын токтотуунун ордуна ал кудай албагыр:

– Жазасын тартсын да, – дебатпайбы. – Азыр киши өлтүргөндөр да кабагым-кашым деп кутулуп кетип жатпайбы. Тиги шүмшүк милийсалардын оозуна акча тыгып ийсе.. . – күйөөсүнүн бу сөзүн бүтүрткөн жок Сонун, атырыла кетти:

– Берсе берип ийгендир. Сен да бер. Мен эмне аны билбейт бекем. Бер, сен дагы.

– Берем, берем.. . Бербегенде.. . – Күйөөсү элеңдейт, – сенден аячу алым жок.

– Сенден дейт, менден мурун өзүңдүн абийириң кетибатпайбы, аялыңды сабатып. Кайсы күйөө аялын сабатып басып жүрөт, ыя?!

– Жо, мен деле күйүп-бышып атпаймынбы.. .

– Мен деле дейт! Накта сен күйүшүң керек. Мени сабаган жок, түшүнсөң сени сабады! Намыстансаң болбойбу кичине!

– Туура айтасың. Намыстанып эле атам.

– Эмне кылып намыстанып атасың, ыя?! – Сонундун бу кекерлүү суроосуна күйөө сөрөй жооп бере албай күңк-мыңк этти:

– Оюман кетпей.. . күйүп.. . – Күйөөнүн бул күңк-мыңкына Сонундун каны кайнап кетти. Оңдурбачу сөздөн айта турган болуп бир обдулуп алганда:

– Мүмкүн бекен? – деген үн экөөнү тең селт эттирди.

Участковый экен. Дарбаза, эшиктер ачык болгондуктан, бир-эки ирет үн салган болуп түз эле кирген. Эрди-катын орундарынан тура участковыйды төргө өткөзүштү. Сонун дасмал жаңылап, муздаткычтан бышкан эттен коюп, күйөөсү шкафтан арак апкелди. Бир чыныдан чай ичилгенден кийин участковый келген жөнүн айтты:

– Сиздерди күтсөм келбейсиңер, анан өзүм издеп келбедимби. Ишти бүтүрбөйсүң деп начальнигимен да тил уктум.

– Догдурдан кечээ эле чыктым. Барайын деп эле жаткам. Табым да жок. Жакшы айыга албай.. . – деп Сонун кабак-башын келиштирип азга онтоп алды.

– Кулан аксакалга да баргам, – деди милийса тигилердин кабак-башына сынай көз жүгүртүп, – күнөөбүз жок деп жазып берди.

– Ой өлүгүңдү көрөйүн! – Сонундун ооруган, чыдабай кыйналгандай өңү өзгөрүп албуут кебетеси келди, – айтканын карасаң карыган аңгинин. Күнөөсү жогу ошобу, бети-башымдан, кабыргамдан тамтык жок, өлүгүңдү гана көрөйүн десе!

– Күбөлөр бар беле? – деди милийса.

– Кайдагы күбө? Мунжу катыны менен сойку токолу бар болчу.

– Алар да бизде күнөө жок дебатышпайбы.. .

– Э кокуй, анан мени шайтан, көзгө көрүнчү кызылала кылганбы, ыя, алар кылбаганда?! – деп Сонун эми милийсага жулуна жаздады.

Милийса токтоо сүйлөдү:

– Мына ошону доказать этиш керек.

– Доказать этем эле!

Милийса сөздү ырбаткысы келген жок, ордунан турду:

– Эртең мага келиңиз, шашпай сүйлөшөлү.

– Жүз граммдан ичпейбизби.. . – деди Сонундун күйөөсү бөтөлкөнү кармап.

– Мага болбойт, кызматтамын да, аман болсок жүздөшөрбүз.

Милийсаны узатып келген күйөө айтты Сонунга:

– Бирдеме үмтөткөнү көрүнүп турат. Кийин жүздөшөрбүз дегени ошо да.

– Эртең эле кутулуп, милдеткер кылып коюш керек, – деди Сонун.

– Туура айтасың.. .

Күйөөсү акчаны гезитке калыңдап ороп, Сонундун асынма сумкесине салды. Машинени айдата жүргөн баласына айдатып, бат эле участковыйдын кабинетине келишти. Ал жалгыз экен. Ордунан тура амандашып, экөөнө орун көрсөттү.

– Келип калдык, – деди күйөө Сонунду тайай отургузуп, өзү анын катарына отуруп, – жанагы айбанды бирдеме кылбасаң болбойт, араң эле жүрөт бу, денсоолугуна чоң зыян кеткен окшойт.

– Зыян кеткен окшойт эмей эле, зыян болуп калды деп эле айтпайсыңбы, ыя?! – деди Сонун күйөөсүн зекип. – Ошону да оңдоп айта албайт, былжыр!

– Ооба, чоң зыян болуп калды, – күйөөнүн аялына жообу ушу болду.

Милийса түз эле айтты:

– Чоң зыянды доказать этип, тигилерди отургузуш үчүн чоң каражат керек.

– Каражат жерге кирсин, – деди Сонун.

– Жерге кирсин, – күйөө коштоду.

Сонун сумкасынан гезитке оролгон акчаны сууруп жатты эле, милийса шаша токтотту:

– Эже, бүгүн эмес. Бүгүн болбойт, эртең түштөн кийин келгиле.

– Болуптур, эртең болсо деле мейли, деги ошо эртең бүтүрсөң эле болду, иним, – деп Сонун акчаны кайра катты.

– Эртең бүтсө деле жакшы экен, – деди күйөө аялын адатынча колдоп.

Эртеси да болду. Эрди-катын машинеде чалкалайт. Сонундун ою түрмөдө. Бок-сийдиги аралашып самсаалаган Куланды элестетет. Күндө тепкилешет, бети-башында тамтыгы жок. «Кечирим бер» деп Сонунга күндө кат жазат. Колу ручка кармоого жарабай калган, колунан өөп жалынып, бирөөнө жаздырат.. . Нестан самсаалаган көйнөкчөн керээли-кечке түрмөдөгү аялдардын сасыган ыштан-турсийлерин жууйт. Бирөөнөн боюна бүтүп, төрөп алган. Кебетеси кеткен, коркунучтуу уул экен анысы.. . Адам чыдап карай албайт. Анысы бок-сакка аралашып жатат. Курсагы ачып керээли-кечке ыйлайт. Нестандан сүт чыкпайт.. . Сонундун ою ушул жерге келгенде машине токтоп, эрди-катын жерге түштү.

Милийса кабинетинде экен. Экөөнү жакшы кабыл алды эпилдеп, орун көрсөттү. Аздап ал-абал сурашкандан кийин Сонун сумкасынан таңгак акчаны алып, милийсага сунду. Дал ошол маалда эшик ачылып, беш-алты адам карп-күрп кирип, бир жигит Сонундун акчалуу колун кабыштыра кармады, дагы бири жарк-журк эттирип сүрөткө тартып кирди. Сонундун да, күйөөсүнүн да эси ооп элдиреп, эмне болуп кеткенине эсеп бере албай, дене-бойду калтырак басып, шалдырай-шалбырай отуруп беришти.

«Милийсага пара берип жатканда кармалды» деген маани менен кагаз толтурулуп, Сонун менен күйөөсү кошулуп беш-алты адамдын колу коюлду. Сонунду ошол эле жерден машинеге сыпаа колтуктай салышып, раймилийсага апкелип камап салышты. Ошондон соң аны менен эч кимдин иши болгон жок, бар-жогуна эсеп беришпеди. Жүрөгү түшүп калган неме бүрүшүп тактанын бир четинде жылбай отурат. Бу сасыгына адам чыдагыстай үтүрөйгөн камера ага тозоктун дал өзүндөй. Милийсага түшүп көрүппү эмне?! Жүрөгү оозуна тыгылган бойдон турду. Жок, аны ошол бойдон отургузган жок. Эркек эмес, эркекче шыпырылта сөгүнгөн эки аял эсебин бере жаздашты. Экөө тең өзүнөн кичүү, мушташчу эркектей шымаланган немелер экен. Өңдүү-түстүү, сан-панын тырыштырган шымчан. Кебетеси, райондук масштабдагы сойкулардан окшобойбу. Сонун кирип тапчандын четине барып отурганда ага биртопко сонуркай карап турушту. Анан бири:

– Эй, кимге бербей койдуң эле? – деп мыскылдап турду.

– Ал эмне дегениң, бети жок! – Сонундун сөзүнүн аягында оозуна тигинин муштуму орной түштү. Эңкейе калып тумшугун сыйпалаган Сонунду чачтан алып тапчандан сүйрөп түштү да, тизеси менен ээк талаштыра уруп калды эле, ал шалак түштү. Эси ооп кетти. Экинчи кыз ордунан шашпай туруп, Сонундун мойнундагы эки алтын чынжырын чечип, бирин шеригине берип, бирин өзү тагынды. Анан колундагы төрт шакек чечилип, эк кыз бөлүшө тагынышты. Эсине келип-келе албай турган Сонун тигилерден талаша алган жок. Жаны алигиче тирүү экенине тобо кылгандай. Анын үстүнө жанагы соккон кыз:

– Мобуну менен көтүңдү чукуюнбу, ыя?! – деп бүктөлгөн шпилканы узарта жазып суна бергенде алласы оозунан түштү.. .

Сонундун пара берип кармалышы, камалышы, прокурор менен милийса начальнигинин жасаган «оюну» эле. Ушул бойдон тынчытпаса арыздана берип убара кылышат деп жазалашкан. Эртеси Сонун камактан чыкты. Чыгарда:

– Эже, күйөөңүз начальнигибиздин жанын койбой чыгартып жатат, болбосо кетмексиз.. . – деп жүрөгүн түшүрдү бир чечейген чечек тергөөчү.

Ырасында Сонундун күйөөсү начальниктин кабинетине, кабинетинен үйүнө кайра-кайра барып жатып «бошотом» деген сөздү уккан. Ансыз деле бошотулчу аялын өзүнүн даражасы, кыйындыгы үчүн бошотуп алгансып, эртең менен аялын компое да, кубана да тосуп алды. Сонун экинчи милийсаны желкемдин чуңкуру көрсүн деп а жерден кеткенче шашат, эмдигиче мууну калчылдайт. Чечтирген чынжыр, шакектерине да кайыл. Бу дабдыр күйөөсү соо болсо, алар кеп бекен.. .

Эки окуя дал Нестандын акак таза дилинде кагылышты. Бирин-бири жеңе албай карсылдашып, ошол таза, кол тийгис ыйык дилди канмайданга айлантып таштады. Бири жакшы, бири жаман күчтүн жаманы жеңди көрүнөт. Жаманы Сонунда, анын айынан келген милийсада эле да.. . Аз мурун Нестан көз жоосун ала кийинип, Кенже апасынын сынынан өтүп, делебеси делбиреп, көпөлөк сындуу учуп, көксөгөнүнө, сагынганына, кусасын басчу адамын издеп бармак эмес беле.. . Жыргал жолунда болчу. Анан соолгон Сонун келди.. . Жаркыраган күндү бороон-чапкындуу караңгы түн баскандай болду. Алып учтурган жыргалы кол менен алгандай көз ирмемде жок болду, ошол аппак үмүтү жазгы кардай мөлт этти да, кетти.. .

Милийса келгенде Нестандын жүрөгү оозуна тыгылган. Ал кеткенден кийин Кенже: «Милийса жерге кирсин, териштирбей эле камап да салышат» деп байкоос айткан сөзү Нестанга ок болуп тийбедиби. Ошол сөздөн кийин күнөөсү жок туруп карышкыр качырган улактай бүрүшүп, бар-жогу билинбей, ажырымы жок кандайдыр бир эпсиз коркунуч жанын алчудай калтырап, жүрөгү жарылып-жарылбай делдейтип, муун-жүүнү калтырап, коргоноорго жай табылбай, өзүн караманча жоготуп таштаган. Аз мурун эки эле ирет көрүп, жүрөгүнүн тереңинен түбөлүк орун берип салган, ошону көз ирмем эстен чыгарбай, жөлөгү, тиреги кылып алган жигити Маканды издейм деп алоосу улам күчөгөн жүрөгүн башкара албай, жыргалдын, жыргал үмүттүн жетегинде эрип-эрибей турбады беле. Кокуй ай, наалаты ай, жанагы ажал сындуу Сонун келбей кое турса болбойт беле. Жамандык дегениң өжөр болот, өлбөс болот, оңой менен жеңиле койбойт. Бу ирет Нестандын жолундагы, тагдырындагы эки күчтүн жаманы туусун көтөрдү, жакшыны жексен кылды. Дилинде жакшылыктан, ыйманы менен ыйыктыгы куюлган үмүттөн башка эч нерсе жок Нестандын дили, сезими, ою ойрон болду. Катуу тийген соккуга туруштук бере албай башы тегеренди, бу дүйнөнүн миң кырдуу, миң сырдуу көрүнүшү ажырымы жок биригип келип аралашып, өң-түссүз, ак-карасыз, жаман-жакшысыз бир бозоргон нерсени жаратып таштады.

Эми Нестанда үмүт да, бир нерсеге умтулуу да жок эле. Делдейген абалга келди. Аны кыраакы Кенже бат эле байкады. Жаны чыга коркту. Кагылып-согулуп эркелетип, түркүн түс маанайдагы сөзү талаага кетип жатты. Нестан анын сөздөрүнө муюбады, уюбады, маанисин ажыраткан жок. Антүүгө жарабай турган. Эпкин тийип акыл-эстен ажырагандай эле, акылы ишин токтоткондой болчу. Бир ооз сүйлөбөй отурганы отурган. Тамак ичкен кебетеси да бузулду. Оозуна нанды очойто салып жеп, курсагын толтурат. Анан эки-үч күн наар албайт. Тамак жасаганы да калган. Чоң кара таракты алып өзүнчө бир бөлмөгө тыгылып чачын жайып көпкө чейин ары тарап, бери тарап отура берет.. .

Кулан жаш аялындагы өзгөрүүнү бир жумадан кийин билди окшойт. Кайсы бир жумуштар менен кетип үйүнө кеч келген. Кирип эле үн салды: «Э Нестан, Нестантай!» Жооп болгон жок. Бир-эки бөлмөгө кирип таппай, Кенженин үстүнө кирди. Нестаны төрдө отуруп алып бир сындырым нанды жеп отурат. Чачы саксайган, бир колунда чоң кара тарак. Кирген Куланды карап да койгон жок. Жарык нуру өчкөндөй көздөрү эмнени караганы билинбейт. Кулан анын аянычтуу да, коркунучтуу да кебетесин көрүп чочуп кетти:

– Нестантай, сага эмне болгон, ыя?! Курсагың ачтыбы? Бирөө капа кылдыбы?

Нестан кебелген жок, нанын сугунуп, тарагы менен чачын тарайт. Айласы кеткен Кулан Кенжеден сурады:

– Буга эмне болду, ыя?!

Башын улам араң буруп улам-улам Нестанды карап, бирдемелерди айтып зээни кейип, кылар айласы жок жаткан Кенже:

– Эмне болгонун көрбөй жатасыңбы?! – деп чарт жарылды. – Убал-сообу жанагы сойку Сонун экөөңө тийип калсын! Некенимдин убалы экөөңдү уктатпасын!

Мындай сөзү үчүн Кенже катуу тил укмак. Бирок азыркы абал башка эле. Кулан шалдырайт. Анан айласы кете:

– Некентай, эмне, курсагың ачтыбы? – дегенди айтты.

Кайдан жооп болсун.

– Жүрү, чай ичеличи.. . – Кулан Нестанды колдон аярлай тарта тургузуп, жетелей тамак иччү бөлмөгө алып келди.

– Сенин оюңда тамак менен аялдан башка эмне болсун! – деп Кенже узатып калды.

Чыгып бараткан Кулан бурк этти:

– Жаагыңды басып, жатчы аржакка! Ушунун азабы өттү!..

Нестанды отургузуп коюп Кулан газга чай койду. Үстөл үстүнө бар тамакты апкелди. Нестан болсо колундагы нанын жеп болуп, чачын жай тарап, нуру качкан көздөрү менен белгисиз нерсе тиктегендей болот. Кулан күйпөлөктөйт. Төрт-беш күндөн бери Нестан жанына жолой элек болчу. Керээли-кечке Кенже жаткан бөлмөдөн чыкпай койгон. Көрсө.. . Куландын жүрөгү шуу этти. Эпкин тийсечи, жин ооруга чалдыккан жокпу?!

Чай келип, Нестанга чыны сунулду. Ал алган жок. Карап да койбоду.

– Ме, Некентай, жок дегенде ушуну ичип алчы.

Некентайында үн жок, сөз жок. Күйөөсүнүн сөзү айтылдыбы, жокпу, белгисиз. Кулан далай сөздү айтып, эзиле эркелете кетип алакеттенет. Сунулган чай ичилген жок. Кулан өзү аздап ичкен болду. Анан кез-кези сүйлөп коюп, Нестанды бирде имере тартып жүзүнөн сүйүп, бирде колун ушалай кармап, чачы-башынан сылайт. Кызда каршылык жок, ошол эркелетүүнүн даамын татканы да билинбейт, куурчактан ашыгы жок эле, тирүү жан экенин билдирип көз ирмеп, тамыр соккону менен.. .

Ошентип отуруп түн да кирди. Кулан экөөнө төшөк салып, Нестанды жаткызды. Шал адамдай шалдыраган кыз денеси кай жакка тартса ошол жакка оодарылат.. .

Кулан эрте турду. Нестан бүрүшүп уктап жатат. Аны ойготподу. Бүгүн зарыл жумушу бар – эгинин өткөзөт. Эртең бу жаш аялын догдурунабы де табыбынабы алпарбаса болбойт. Эпкин тийгенби же жин оорунун дал өзү келгенби, айтор, соо эмес. Бир аялы шал болсо, экинчиси жинди болсо.. . Өтүшүп кете элегинде көрсөтүш керек. Бүгүн кудайга аманат деп ишин бүтүрүп алса, анан бар убактысын буга бөлбөйбү.. .

Кечке жуук эле. Нестан кечээ Кулан жаткызган төшөктөн эми баш көтөрдү. Туруп отуруп койнуна ала жаткан тарагын алып чачын тарады. Көзү бир чекитти жалдырай тиктеп, чалажан ирмелет. Ошол нуру качып араң ирмелген көзүнө Макан көрүндү. Баатырларча кийинип алыптыр, жомоктогудай. «Мага кел, мен сени эч кимге тийгизбейм, Сонунга да, Куланга да.. . Кел, алтыным, сени күтүп жатам. Сени эч кимге бербейм, сен деген меникисиң! Меники ганасың, уктуңбу, Нестан?!» дебатпайбы Макан.. .

Нестан ордунан туруп баягы сонун көрүнгөн кийимдерин кийди, чачын узунунан түшүрүп түбүнөн байлап койду, өргөн жок. Анан сыртка чыгып баратып кайра тартты. Кенженин үстүнө кирди. Ал адатынча чалкасынан жатат. Ойгоо. Нестандын бир жакка барчудай кийинип келгенин көрүп таң берди:

– Э кокуй, кайда барганы жатасың, ыя, Некентай?

Жооп болбоду. Нестан аны адатынча заара кылдырып кайра жаткызды. Анан кагыла-согула эркелетип жаткан Кенжеге бир ооз жообун айтпай аны кучактай өптү да, чыгып кетти.. .

Кеч кирип калган. Айылдан чыгып талаалап баса берди. Дагы бир айыл көрүндү, айланып өттү. Эгин аңыздар, казылып-казылбай турган картошка талаалар, помидор, бадыраң, дарбыз, коон айдалган жерлерди басты. Түн небак кирген. Нестан кете берди. Айылдан айыл калып жатат, аларды айланып өтөт. Чарчады. Бирок көчүк басып эс алган жок, кете берди. Кеткенде да жай баспай шашып баратат. Маканы кел деген да. Эрте жетпесе ал бир жакка кетип калбайбы, күтө берип жадап. Ал кетип калса Сонун менен Кулан экөөлөп кууратпайбы. Нестан ого бетер шашат.. .

Таң атып калган. Нестан чарчаганын эми гана сезди. Өзү эмес, буттары сезди, шилтенбей. Ошол эле жердеги арык жээгине отура кетти. Кейпи кетип, топурак болуп, сыйрылган кара туфлисин чечти. Буту шишип-көөп сыздатты. Кармалап койду буттарын. Анан селт эте ордунан турду, Маканы күтүп жатса.. . Туфлисин кийгенди унутту. Чабылган эгин талаасы менен кетип баратат. Кез-кези таманын куурайдын чөңөрлөрү сайганда аксай калат. Жүрүп отуруп алыстан алачыкты көрдү. Жомоктогудай экен. Балким Макан карай-карай чарчап ошол алачыкка кирип эс алып жатпасын. Алачыкка жакын помидор, бадыраң айдалыптыр. Дагы бир жеринде дулдуйган дарбыздар ар-ар жерде чаараят. Түз эле алачыкка баш бакты. Ичинде төрт эркек жантайып тамеки тартып кобурашып жатышат, ичип да жатышкан көрүнөт, пиво, арак аралашкан бөтөлкөлөр наны менен помидоруна аралашат. Байкоос кирип келген Нестанды көрүшүп, тымтырс боло түшүп, бири шыпылдай ордунан тура калды

– Келиңиз, төргө өтүңүз.

Нестан баш баккан бойдон туруп калды эле, тиги шыпылдаган неме:

– Өтүңүз, өтүңүз, – деди жалана-жуктана. – Сиздей сулуулар бу жерге келчү эмес эле.. . – Кыздан көзү өтүп, сулуулугуна сугунуп жиберчүдөй жутунат.

Маканын таппаган Нестан эч үн катпай алачыктан алыстай барып дарбыз талаасынын четине көчүк басты. Жанагы төртөө бул жердин ээси дунганга жалданып иштешет. Түндө аябай ичишкен, эртең менен ойгонуп бөтөлкөдө калгандан шыпкап, же ары, же бери эмес «чала өлүк» болуп, бири-бирин кыртыштары сүйбөй турганда суйкайган сулуунун себеби жок пайда болушу көңүлдөрүн көтөрүп жибергендей болду. Жанагы шыпылдай сүйлөгөн неме:

– Бу сулуунун тамырын тартып көрөйүнчү, – деп Нестанды көздөй басты.

Эми төртөөнүн көңүлү ушул сулууда: «Күйөөсү менен уруша кетип талаалап өлөм деп качып чыкканбы же ойношу экөө машине менен талаага келип чардап, анан экөө бири-бирин кызгана уруша кетип, тигиниси машинеден түшүрүп салып кетип калганбы.. . А балким, сойку болуп жүрбөсүн.. . үч-төрт эргул бул жакка апкелип кезектешип туруп таштап кеткенби?.. » Катындан көзү каткан төрт аңгиге мындан башка эмне ой келмек эле.. .

Шыпылдаган жигит Нестандын жанына барып тартынып-этпей эле жанына отурду. Берки үчөө да алачыктан чыгып чөөлөрдөй шыйпактап экөөнөн алысырак жерге отурушту. Аз-аз болсо кызды баса калышчудай комдонушат. Шыпылдаган неме Нестандын сулуулугун эми даана көрдү. Мындай сулууну эч качан көңүл токтотуп көрбөсө керек эле. Кумары ашып-ташып, аялга болгон сезими адамдыкына эмес, айбандыкына окшоп турду. Тигил үчөө карап турбаса мына-мына баса калчудай. Өзүн эптеп кармап, кызды сөзгө тарткан болот:

– Карындаш, атың ким, ыя?

Нестандан жооп жок. Карап да койбойт. Тиги суроосун кайталады:

– Атың ким деп жатам, карындаш. Атыңды айтып жиберчи, байкең сүйүнүп жатып калсын, ыя?

«Карындашы» кайдан жооп берди, жооп бермек турсун, кирпик ирмеп койбоду. Баягы үмүтсүз, айнек сыяктанган көздөрү нары жакта дулдуйган чаарала дарбызды тиктейт. Ошол чаарала дарбыз бир маалда жылт эте Макан болуп көрүндү Нестанга. Жүрөгү жарыла сүйүнүп кетти. Жок, Макан эмес экен, өзүн камап салчу милийса экен. Сүйүнүчү суу куйгандай жалп өчүп, жүрөгүн түшүрүп жиберди. Мына-мына басып келип колун толгоп байлап, чачтан сүйрөп, нары жакка алпарып атып салчудай.. . Качыш керек.

Нестан ордунан шаша туруп, ошол милийса-дарбыздан кача жөнөдү. Чуркаган болот, бирок шай жок, чалынып-чулунуп баратат. Берки төртөө таңгала карап турушту.

– Бу неме мас.. . чистый мас, энеңди.. . – деди бири.

– Давай кармап туруп.. . – деп бараткан немени дагы бири токтотту:

– Кой, доосуна калабыз. Менттерге илинсек каныбызды соруп, сөөгүбүздү кемирип салат.

Баары ойлоно калышты. Бир маалда чуркап бараткан Нестан мүдүрүлүп барып көмкөрөсүнөн түштү. Ана турат-мына турат, жок. Жанагы шыпылдаган жигит чуркай жөнөдү, беркилер да басышты. Шыпылдак жигит көмкөрөсүнөн сулк жаткан кызды көрүп жүрөгү шуу дей түштү. Өлүп калганбы?.. Эпадам өлүп калса буларга жаба салышы мүмкүн. Жигит кызды этият кармап, тартты. Жете келген беркилер жардамдашып ордунан тургузушту. Кыздын бери сыйрылып, аздап чыккан канга топурак жабышып ботала. Эки жигит кызды эки жактан колтуктай чатырдын жанына апкелип, алдына тамтыгы кеткен төшөк салып отургузушту. Бири суу апкелип кыздын бетин жууп жиберди. Өңү купкуу кыз калтырап турат. Көздөрү жалдырайт. Бул кыз мас да эмес, сойку да эмес экенин беркилер сезгендей болушту. Эмелеки ургаачыга болгон сезимдери кайтып, анысы аео, боорукерликке өтүп кетти. Күйпөлөктөшүп «эмне болдудан» көп жолу айтышат. Кызда дале болсо жооп жок. Бири апкелген килейген кружкадагы сууну калтырбай ичти. Бетиндеги жарасы болбосо бу жакшы кийинген аппак кыз жигиттердин көзүнө үзүлө элек гүлдөй эле. Эмне болгон жан, эмне бу жерге келген, отуруп-отуруп эмне качты деген толгон суроолор жигиттер үчүн табышмак бойдон. Же бир аз андай-мындай дебейт бу байкуш. Төртөөнүн бири кыздын жылаңаяк экенин көрүп, жанагы жыгылган жерге барып бут кийимин таппай келди. Башка жерде калганын кайдан билди.

Ошентип, ыйман-сыйманың менен анда маселеси жок, ичкендерин ийгилик-жыргал көрүп жүргөн төртөөнү кыздын татына өңү менен аянычтуу кебетеси боор оорутуп таштады. Эми алар ал кызды жакынындай көрө баштагандай, баягы аңги сезимдери калып, бу бечарага эмне жардам берип жиберсек деп ойлошот. Дал ошол маалда алачыктын жанына далайды көргөндөй кейпи кеткен «Жигули» келип токтоп, ичинен жапалдаш бойлуу, курсагы чердегей, ак көйнөк, ак топу кийген бирөө түштү. Бул дунган кожоюн. Кожоюндан төртөө тең желмогуздай коркот. Анын жөнү бар. Биринчиден, ал акчасын аябай жакшы төлөйт, анан тилин укпай акаарат кылгандарды бир эле тээп эсин оодарып салат. Жашыраак кезинде уруп-тепкилегендин ыкмаларын үйрөнүп алган тура. Жанагы төртөө бул дунганда үч жылдан бери жалданып иштешет. Төртөөнүн тең үй-жайы жок немелер, бирден үйлөнүп ажырашып, дагы бирден түрмөгө жатып чыгышкан майда-барат кылмыштары менен. Жайлата алачыкта жашап, жашылча отоп, түшүмүн жыйнайт. Кышында ар кай жерде жүрүшөт.

Кожоюнун көрө сала баары анын сөзүн күтүп туруп калышты. Дунган кыргыздын түшүн жоруй сүйлөгөн неме. Аянычтуу отурган кызды көрүп сурады:

– Мунуңар бу жерде эмне кылып отурат? Силер эмне эмдигиче иштебей турасыңар, ыя?!

Шыпылдак жигит кожоюнуна кыздын окуясын айтып берди эле, дунган кызды айлана басып карап, сындан өткөрүп турду. Сулуулугу баамга урунду. Бир-эки ирет кыса кучактап, кумар баштап койчу неме тура деди ичинде.

– Отургузгула машинеге, шаарга жеткирип салайын. Дагы бирөөлөргө жооп берип жүрбөйлү.

Эки жигит Нестанды колтуктай тургузуп, машинеге салышты.. .

***

Профессор Макандын Бекен менен урушпаганын, эч кайда кетпей эле экөө жашырынып жолугуп жүргөнүн айныгыс түшүндү. Эми Ромго аны эптеп, араңдап жүрүп тапканын айтып жанын сууруп берсе, авторитети дагы арта түшүп, а балким эң жакын, эң ишенимдүү жигити – оң колу болуп калышы ажеп эмес да. ушуну ойлогон Профессордун көңүлү көтөрүлүп, сезимине жакшы ойлор толуп кетти.. .

Бул күнү Профессор эрте турду. Шашпай тамак-ашын ичип үйүнөн чыкты. Машинесин айдаган жок, чөнтөгүнө курал да албады, жигиттеринен да коштотподу. Бекенге барып жекеме-жеке сүйлөшөт, балким ага Макан досунун башын сатар, көрөт, ыгына жараша. Ушундай болду, акча жыттанган шайтан ой дилин бир бийлеп өттү.. .

Бекен небак кабинетинде экен, оозгу үйдөгү секретарша «сиз кайда?» дегиче болбой, Профессор Бекендин үстүнө кирип барды. Аны көрүп Бекен дагы эмне болуп кетти деп бүшүркөй түштү. Айткандарын төлөп жатат, дагы эмне керек буларга.. .

– Кандайсың? – деди Профессор отуруп жатып, – аман-эсенби?

– Жакшы.

– Макан досуң да жакшы жүрөбү?

– Анын кандай жүргөнүн кайдан билем, – деди Бекен, бир чочуп алды. – Уруша кеткенбиз дебедим беле. Ишим жок аны менен.

– Билбейм деген бир сөз, билем деген миң сөз дечи?! Эки күн мурун Макан экөөң парктагы кафеде пиво ичип отурдуң эле, урушканыңарды көрбөпмүн.

Бекен эмне жооп берерин билбей отурду. Өзүнүн да, Макандын да башына чоң коркунуч келгенин даана сезди. Эми калп айта албайт болчу.

Профессор сөзүн улады:

– Маканыңарды милийса тапса, анын күнү бүтөрүн билесиңби?!

Бекенден жооп болбоду.

– Милийса таппаса биз таптык, бизге эки эсе, жок, эки жүз эсе жооп берет аның. Түшүндүңбү?

Дале жооп болбоду. Профессор сөзүн улады шашпай. Азыр сөз байлыгы да, маани-абал бийлиги да анын колунда болчу:

– Жакшы түшүнбөй жатат окшойсуң, балакай. Андай болсо түз эле айтайын, Маканың небак эле бизден өлүм жазасына тартылган. Менттер эч качан андан кем жаза бербейт. Эми түшүндүңбү?!

Бекен ооз учунан күңк-мыңк этти:

– Мага эмне айтайын дейсиз?

– Эмне айтмак элем, мени Маканыңа жолуктур, анан үчөөбүз сүйлөшөлү, а балким сөзүбүз мени ыраазы кылса, досуң өлүмдөн калар.

– Ал кандай дегениңиз? – Бекен эми досун аман сактап калууну гана ойлоп калды.

– Ай, балакай ай, эми эле энеңден бөлүнө калгансып сурайсың да. Азыр адамдар эмне менен ыраазы болот, билбейсиңби эмне? Билбесең билип ал – азыр ыраазы кылчу жалгыз гана акча. Эми жеттиби, мээңе?

Бекен шалдырап жеңилип берди:

– Канча?

– Досуңду канчага баалайсың, ошончо.

Бекен ойлоно калды. Досун акча менен кантип баалады. Беш миңби-он миңби – мээси жетпейт. Анын бул абалын куулугу куюлган Профессор дароо баамдады. Дагы эзиле түшсүн деп бир азга жайына койду да, анан айтты:

– Ии, досуңдун канчага турарын биле албай жатасыңбы? Же көпкө баалап алып сараңданып жатасыңбы? Балким баарынан өлүм кымбат. Анын баасы жок, дүнүйө чак келбейт дегеним.

Шылдыңдай өкүм күлгөн Профессордун сөзүнө биресе жини келип, биресе досу азыр бир өлүмдөн калып жаткансып, Бекен кызык абалда.

– Ии, канчага баалайын деп чечтиң? – Профессор чалкалай берип, мыйыгынан жылмая жооп күттү.

– Канча дейсиз? Өзүңүз айтсаңыз?

– Мен айтпайм. Айтсам уят болот. Баш сеники, киши дегеним, андыктан баасын ээси бычат да.

Эмне деп айтмак Бекен. Адам башын ким соодалап көрүптүр. Өзүн күчтөп жатып эмне болсо ошо болсун деп:

– Он миң, – деди.

– Досуңду ошончо арзан баалайсыңбы? Сени көрдүм, карачечекей досун бокко теңебеген, – деди Профессор шылдыңдай, – досуң эмей эле бөтөлкөлөш таанышың го дейм, сөзүңө караганда, ыя, балакай.

Бекендин жини аябай келгени менен анысын ачыкка чыгара албайт. Колу-жолу кыска. Болбосо.. .

Профессор ордунан туруп Бекенди тике карады да:

– Элүү миң, – деди – эң төмөнкү бааң ушул болсун. Анан да эртең досуңду таап кой, сүйлөшчү сөзүм бар, уктуңбу?!

– Уктум.

– Уксаң ошо! – Профессор кандай келсе ошондой шашпай басып коштошту.

Ал түз эле Ромдун кабылдамасына кирди:

– Мени шеф издеген жокпу?

– Жок, – деди мода журналын барактап отурган суйкайган сулуу.

Кабинетине келип креслого отурган Профессордун мээси шакылдай иштеп, эки-үч күндө бүтүрчү иштерин пландаштырып жатат.. . Бери дегенде кайдагы бир чмо үчүн элүү миң доллар алат. Аны алары менен тиги жигит жок кылынат. Ошондо Бекен Ромго арыздансачы, досу үчүн элүү миң бергенин айтсачы. Ром кайдан ишенмек эле, досуна ичи күйгөн неме айта берет дейт да. А эгер Ром Бекенге ишенсечи?.. Анда ит өлүм болгону ошол. А балким.. . ою ушул жерден үзүлдү. Телефон чырылдап, үч-төрт күндөн бери көрүшө элек бир бийкечи чалган экен.. .

***

Профессор чыгып кетери менен Бекен дароо эле Маканга телефон чалып, тезинен жолугуш керектигин айтып, кезикчү жерди болжошту. Ал жер шаардын күн чыгыш тарабындагы ага туташ айыл менен чектешкен жердеги кафе эле. Экөө тең тез эле жетип келишип, бирден пиво алып ууртаган болуп, кеңешип турушту.

– Менин эч жакка кетпегенимди, экөөбүз кезигишип турганыбызды кайдан билиптир? – деди Макан Профессордун окуясын уккандан кийин.

– Аны айткан жок.

– Элүү миң эмес, атасынын башы да жок! – Макандын муштумдары түйүлүп, кан ичкендей кумсарды.

– Байкап иш кылбасак болбойт, – деди Бекен досунун жини кайнаганын көрүп, – Ромдун айбанчылыгын билбейсиңби эмне?

– Ром-промуңду урганым жок! Токендин каны үчүн жооп бере элек аның. Канга кан кылып дал ошол айбанды тындырмайын менде тынчтык жок.

– Эмне кылайын дейсиң?

– Көрөбүз эмне кылышты. Адегенде жанагы келген эргулуң менен кезигеличи.. .

Макан кеткенден кийин Бекен сарсанаага катуу батты. Жок, суу жүрөк коркоктордон эмес, бирок Ром дегенге алы жетчү адам жок дешет бу өлкөдө. Алы жетчү кызматтагыларды небак эле колго алып, акчаны кокосуна чейин тыгып салган тура. Канчалаган бизнесмен жигиттерди кан жуткузбады.. . Жалгыз Макан эмне кыла алат. Ал эч нерседен кайра тартпайт, бирок Ромдун жанында эч нерсеге татыбай калбайбы.. . Ушундай ойлор келет Бекенге, бүт жандүйнөсүн коркунучка бийлетип салды. Оңойбу анан.. .

Макан, Бекен, Профессор үчөө кечээки кафеден жолугушту.

Профессор Маканды баягыда көрбөдү беле, Макан болсо аны биринчи көрүшү. Көздөрү ойноктоп, жакшылыгы аз экени жүзүнөн дароо көрүнүп турат.

– Таанышып алалы, атым Профессор.

– Меники Макан. Сиздин өз атыңыз Профессорбу же ишиңизден профессорсузбу? – деди Макан.

Анын бул суроосу Профессорго мыскылдагандай сезилди, ошол маанайында жооп берди:

– Ай, бала, мен сени Макансыңбы же Такансыңбы деп сураган жокмун да.. .

Анын сөзүн Бекен сыпаа бузду:

– Кечирип коюңуз, ишти сүйлөшсөк жакшы болот эле.

– Сүйлөшүп атпайбызбы, – деди Профессор ачуулуу, – кечээки сөз орундайбы, кандай деп чечтиңер?

– Азыр эле берели сураганыңызды, – деди Макан, – мына даяр турат алсаңыз. Ал колундагы чакан сомкени көрсөтүп койду.

Профессор токтоо сүйлөдү:

– Жок, бүгүн эмес. Өзүм чалам.

Профессор баштаган ар кайсы сөздөн айтышып жарым саат чамасында пиво ичишти. Бир маалда Профессор шарт ордунан туруп:

– Чалам, – деди да, тигиндейрээк жердеги машинесин айдап кете берди.

Өзүн кайтартпай эле, шериктери жок эле келген экен деди Макан. Оюнда өзүнө өтө эле ишенген неме көрүнөт.

Профессор оңой куу эмес. Бул экөө азырынча эч нерсе кылбасын билет. Анан бул ишке эч кимди аралаштырбай бүтүрөт. Атургай жигиттеринин биртобун жайлап салган жигитти таптым деп Ромго да айта элек. Ага өлүмүн гана угузат. Бекен болсо эч кимге, эч качан эч нерсе айтпайт деген бүтүмгө келген Профессор. Кийин аны өзү жалгыз да соро баштайт. Анан дагы Ромдон кутулат. Муну ойлогондо Профессордун жүрөгү шуу этип коркуп кетет. Ошол күн келер бекен же өмүр өткөнчө анын жемесин угуп, шыйпактап кошомат кылып, кайсы күнү аттырып салар экен деп санаа менен жашайбы.. .

Макан менен Бекен Профессорду көздөрү менен узатышкандан кийин анын кебине өтүштү.

– Мен сезип турам, – деди Макан. – Бу неме жеткен шүмшүк экени көрүнүп турат. Элүү миңди алып эле тынчып калбайт бу.

– Анан эмне азыр эле берем дедиң? – Бекен күлдү. – Кана, бер десе эмне кылат элең, ыя?

Макан сомкесин ачып көрсөттү:

– Момунун күчү элүү миңден алда канча күчтүү, көрдүңбү?

Сомкеде тапанча бар эле.

– Байкасаңчы, – деди Бекен, – мунуңду бөөдө алып жүрөсүң.

Макан бул суроону жоопсуз калтырды.

– Эмне кылдык? – Бекен айласы кеткендей Маканды карады.

– Эмне кылмак элек.. . Сен ишиңди аткара бер. Эч нерсеге камтама болбо. Иш жакшы жүрүп жатат дейсиң да, анан эмне кылабыз дегениң кандай?

Бекендин «эмне кылдык» деген сөзүнүн маанисин жакшы түшүнсө да, Макан аны ал жасап жаткан бизнеске буруп таштады. Ырасында Бекендин бизнеси дурус жолдо эле. Акча жакшы айланып жаткан. Ар-ар жерге жардамын да аябайт, рэкети менен милийса-силийсасын да тойгузуп жатат.

– Профессордун маселесин канттик? – деди Бекен сөздү дааналап.

– Аны мага кой. Айттым го, сен эч нерседен сарсанаа болбо. Мага ишенесиңби?

– Ишенбей коймок белем, бирок.. .

– Бирок-мирогуңду кой. Билем эмне айтарыңды. Ром деген жаман, жаналгыч, сени эки чайнап, бир жутат дейсиң да. Ошентип чочуй берсе, чайнабай эле жутат. Биздин андан эмнебиз кем?

Бул Ромду өтө эле теңине албагандай айтылган сөз Бекенди тынчыта алган жок, кайра чочулоосун күчөтөт.

– Макан, сен кызуу кандуулук кылып жатасың. Ром дегениңден бүт баары жүрөктөрү түшүп жатса.. .

Макан анын сөзүн бүтүрткөн жок:

– Бекен, мен сенин жаныңдамын, уктуңбу? Сөз бүттү! – деп ордунан турду.

***

Макан Бекенге «мен сенин жаныңдамын, сөз бүттү» деп кетпеди беле, сөз бүткөн эмес, эми гана башталган эле.. . Андан кийин Бекендин жанын оозуна тиштеткен окуялар болуп кетти.

Профессор чоң куу да. Анан калса адамды бир көрүп эле кандай мүнөзү бар экенин, ага кандай мамиле кылышты баамдап коет. Макан менен кафеде жолугушкан Профессор анын эч нерседен кайра тартпас көкжал экенин дароо эле билди. Ошондо Бекен экөө менен аз гана сүйлөшкөндүн ортосунда жыбыраган толгон ойду ойлоп жибергенге үлгүргөн.. .

Булардын акчасын аларын го алат, андан кийинки аракети кандай болот? Мурунку планы боюнча экөө тең жок болушу керек. Бирок эмне майнап тапты? Андан көрө экөөнүн жүрөгүнүн үшүн алып, далай жыл кызмат кылдырса кантет? Бирок бу Макан дегени тизе бүгүп берер бекен.. . Антчү түрү жок көрүнөт, бирок сынбаган адам бар бекен бу жарык дүйнөдө. Бир аракет кылып көрөт, болбосо.. . Ушундай ойлоп койгон Профессор тигилер менен сүйлөшүп жатып.

Макандын да өз билгени бар эле. Аныкы Профессордукундай бир аракет кылып көрөйүн дегендей эмес, шарт кесилген бүтүм болчу – Профессордун жашоого акысы жок, дароо тындырыш керек. Ошентип, эки ой аракетке айланып бирин-бири жок кыла албай тирешип турду.. .

Макан театрда иштеген бир алкаштан алган мурутун кыскарта кесип тагынды, кыргыздын улуттук кийимине айланган кытайдын спорттук күрмөсүнөн, чүпүрөк шляпадан кийди, асынма сомкеси ийинде, көздө кара көз айнек. Ошол Профессор менен кезигишкен күндөн баштап анын офисин аңдууга алды. Профессорду үчүнчү күн дегенде эртең менен араң көрдү. Машинесинен түшүп ичкери кирип кетти. Машине айдаган жигити ордунан жылбай турат. Демек, Профессор кайра чыгат. Айткандай эле ал жарым сааттан кийин чыгып, машинеге отуруп жөнөп кетти. Алыс болсо да Макандын байкаганы – ал бир нерсеге ачуулуу эле. Бу баамы да туура болчу.

– Баягы немени качан табасың, ыя?! Же анын ордуна өзүң кетесиңби?! – деп эми эле Ром аны оозго алгыс сөздөр менен ойда ашатып туруп, итче кууп чыккан.

Макан бир квартал берээкте турган машинесине ылдамдай жетип, тигилердин артынан түшмөкчү болду эле, дайнын таппай калды. Кайда айдарын билбей биртопко отурду да, сотовыйын алып Бекенге чалды:

– Алло, Бекен, кандай?

Бекендин үнү угулар-угулмаксан чыкты:

– Мен бошобой.. . Анан чалчы.

Кандай бошобой жатса да, баарын жыйыштырып коюп сүйлөшчү да Макан менен. Ага эмне болду?

Макан баарын унута Бекендин офисин көздөй зуу койду. Бат эле жетти а жерге. Дал ошол учурда Профессордун машинеси жөнөп жаткан экен. Макан менен Профессордун көздөрү чагылыша түштү, өтүп баратып. Макан машинесин офистин ары жагына токтотуп, мурутун сыйрып алып, башындагы шляпасын орундукка ыргытты да, сомкесин көтөрө офиске шашты. Эшик тоскон эки жигит көздөрү алаят Маканды көрүп. Алар менен да, кабылдамадагы кыз менен да амандашпай Бекенге кирип барды.

Бекен керексиз кагаз салынчу корзинага эңкейе берип, бетаарчысы менен мурдун басып отурган экен. Макан чочуп кетти:

– Эмне болду, ыя?!

Бекен бетаарчысын мурдунан албай баш көтөрө жооп берди:

– Эчтеке деле болгон жок.. . Кел отур.. .

– Мурдуң эмне болду дейм?!

– Болору болду окшойт. Жанагы Профессор деген айбан эскерткеним ушу дейт.. .

– Эмнени эскертет экен, аны менен сүйлөшпөдүк беле?!

– Келип эле бир тийди, «Маканың кана?» дейт. Үйүндө болсо керек дедим. «Акчаң кайда?» дейт. Акча даяр дедим. «Канчасы даяр?» дейт. Элүү миңи тең даяр дедим. «Эшек, элүү миң эмес, жүз миң, түшүндүңбү?!» деп туруп эле тумшукка бир урду. Эсим оой түштү. Акаарат кылсам өлтүрүп салчудай. «Бул эскертүүм, акчаңды да, Маканыңды да даярдап кой!» деп чыгып кетти. Ошол.. .

Макан делдиреди. Эмне айтарын билбей биртопко турду да:

– Мен кеттим, – деп чыгып кетти. Бекендин «кое тур, сүйлөшөлү» дегени аны токтото алган жок.

***

Профессор жана Бекенди тумшук талаштыра коюп, машинесине түшүп жөнөй бергенде маңдайдан чыккан «Жигули» айдаган мурутчан жигиттин тааныш көзүн элестетип, аны кайдан көрдүм эле деп ойлоп баратып, бир-эки квартал өткөндөн кийин айдап бараткан жигитин селт эттире зоң этти:

– Токтот!

Профессор машине токтоп-токтой электе машинеден атып түшүп, көчөнүн наркы тарабынан өтүп, кайра артка жөнөдү. Анан Бекендин офисинин маңдайындагы кафеге кирип, офис даана көрүнгөн терезеге такай коюлган столго отуруп, официанттан бир кружка пиво алдырды да, шашпай ууртай отурду. Эки көзү офисте. Бир маалда андан Макан чыкты. Эки жагын жашырына карап, тротуар менен шаша жөнөдү. Профессор кафеден чыгып карап турат. Макан нары жакта турган машинесине түшүп, аз өтпөй машинесин бери буруп өтүп кетти. Кайра мурутчан боло калган экен. «Мурут эмес, бүт денеңди жүнгө бастырсаң да жазбай тааныйм» деди Профессор ичинде, «ойнотуп туруп оңкоңон салайын, энеңдурайын артист».

Профессор эмне болуп кеткенине мээси жетпей, ордунан жылбай отурган жигитти машинеден түшүрүп салып рулга отурду да офисине жөнөдү. Профессор эми анык билди: бу балакай аңдып жүргөн турбайбы. Аңдыгандан кийин озуна кол салып, жок кылайын деген экен да.. . Ким жок болорун көрсөтпөсө элеби.. . Аны ойлоп каны кайнап, бу эшекке азаптын азабын көрсөтүп, боздотуп, сыздатып туруп жок кылуунун сан жолдорун дилинен өткөрүп жиберип, ошол жаман, мыкаачы ойлору анын дилин жибитип жатпайбы.. .

Профессор дөңгөлөктүү креслосун терезеге такай жылдырып, көчөдөн көзүн албайт. Аз өтпөй көчөнүн наркы тарабындагы тротуарга улана коюлган столдордун бирине баягы мурутчан келип отурду. Ийиндеги сумкасын алып бир стулду өзүнө тартып, анын үстүнө койду. Бул жайкы тамак иччү жай эле. Бир маалда официант заказын алып бат эле тамак алып келди. Мурут шашпай тамагын ичкен болуп, акырын Профессордун офисин карап отурат. «Кара, – деди Профессор, – мени көралбай көзүң тешилбесин. Тамагыңды аш кылбайм». Профессор сыртка чыгып көчө бойлоп жөнөдү. Бир аз бара түшүп байлар кирип буюм алчу, кедейлер жөн гана суктанып чыкчу узун үйдүн бүтүндөй биринчи кабатын ээлеген супермаркетке кирип, аркы-терки басып товар көргөн болуп жүрүп кайра чыкты.

Профессордун офистен чыкканын көргөн Макан жаңы эле жей баштаган тамагын таштай акмалап жөнөгөн. Профессор супермаркеттен чыкканда ал жолдун наркы өйүзүндөгү киоскиден гезит алымыш болуп турган.. .

Профессор бираз баса түшүп, акырын киоск жакты караса Макан жок экен. Кайда житип кеткени белгисиз. «Жоголсоң жоголо тур, – деди Профессор ичинде, – менин артымдан калбасыңды билем да».

Профессор шашпай басып кабинетине келди да, ишенимдүү эки жигитин чакырып алып, эки саат чамасында маселени талкуулап турушту.. .

***

Макан аңдып жүргөнүн Профессор сезип калды го деп шектенди. Анткени машинеден көздөр чагылышканда тааныгандай сезилди, анан да киоскиден гезит алып жатканда да карап, тааныгандай болду окшойт. Ушуларды ойлогон Макан гезитин алары менен киоскинин артынан өтүп, машинесине айланып жетип айдап кетип калган.

Эми ал катуу чечимге келди: бүгүн, бүгүн болбосо эртең сөзсүз Профессордун түбүнө жетиш керек. Антпесе ал озунуп кетет. Жок, өзүнүн камын көрүп жанталашкан жок, биринчи иретте Бекенге кам көргөнү, анын өмүрүнө санааркаганы. Агасы Токендин өлүмүнө күнөөкөр болбосо да ага өзүн себепкер сезет. Эми инисин өлүмгө кыя албайт, өз өмүрүн берсе да Бекендин өмүрүн сактоого милдеттүү. Бекен – досу Токендин гана эмес, өзүнүн да карачечекей иниси болуп калбадыбы. Анын үстүнө ортодо акыреттик дос катарындагы мамиле орногондой эле.. .

Бекен үйүнө барып дивандын алдына катылган тапанчасын алып тияк-биягын текшерип көрүп сумкасына салып, ичиндеги буюм-теримдер менен тапанчаны бастырып койду. Машинесин үйүнөн анча алыс эмес жердеги ордуна айдап барып токтотту, анан сумкасын асынып шашпай жөө басты. Бу жерден Профессордун ишине чейин биртоп жол. Жарым саат дегенде ал жерге жакын келип наркы-терки өткөн адамдарга аралашып турду. Бул көчөдө ар кандай офистер, дүкөндөр, кафе, ашканалар, киоскилер аябагандай көп. Эл батпайт. Кеч кирип калган маал эле. Бу маалда иштегендер ишинен тарап, кай бири жөн эле наркы-терки басып, эл көп болот эмеспи. Макан ушундай учурда Профессорду дал офисинин жанынан жайламай болду. Бир маалда Профессор эки жигитинин коштоосунда чыгып машинесине жөнөдү. Макан асынган сумкасын алдына жылдыра берип, андан тапанчасын чыгарбай затворун тарта октоп, сумканын оозун ачык коюп, тигилерди көздөй ылдамдай басты. Дал ошол маалда тротуар менен келаткан үч милийсаны көрүп кадамын акырындатты, өтүп кетишин күттү. Профессор күтүп турмак беле, машинесин айдап кете берди, эки жигити ошол жерде калды.

Макан жол жээгинде кыдырата тизилген таксилердин бирине жетип отурду да, Профессор кеткен тарапты көздөй тез айдоосун суранды. Рулдагы орус Профессордун машинесин бат эле кууп жетип, артынан түштү. Профессор көчөдөн көчөгө өтүп бир жерден токтоп түштү да, дал ошол жердеги кебетеси жаңы эле сырдалгандай көпкөк дарбазадан кирип кетти. Макан оруска акчасын берип жөнөттү да, ошол жердеги жайкы кафелерден орун алып, пиво ичип отурду. Кашкарайып жарыктар күйдү. Бу кафеде эл көбөйдү, бака-шака түшүп жатат.

Профессор кирип кеткен заңгыраган чоң үй экен. Бийик дубал менен курчалган, дубал бойлото кара жыгач багы. Макан отурган жерден үйдүн терезелеринин жогор жагы гана көрүнөт, ошол үч терезенин биринен жарык күйөт. Бул үй өзүнүкүбү же тааныштарыныкыбы? Машинесин сыртка калтырганына караганда, кайра кетчүдөй го.. . Макан ушуну ойлору менен дарбаза ачылып Профессор чыкты да, машинесин айдап короого киргизип, дарбазаны жапты. Өз үйүбү же өзгөнүкүбү, айтор, бу жерде түнөчүдөй болуп калды окшойт, түнөбөсө да кеч кетери бышык.

Макан биртопко отурду пивосун ууртаган болуп. Улам түн коюуланган сайын элдин аягы суюлуп барат. Эми Макандын тегереги мас болуп бараткан үндөргө толуп, жеңил да, оор да ойлуу бийкечтердин шыңгыр күлкүсүнө толуп, кимди ким уксун болуп турду.. . Убакыт келди окшойт. Макан көзүн албаган үйдүн терезесиндеги жарык өчтү. Профессор эрте жатмай болду көрүнөт.

Макан ордунан туруп сумкасын асынып үйдү көздөй басты. Наркы-терки өткөн адамдардан сактанып отурган жок. Азыр ким менен кимдин иши бар, жанындагыны мууздап жатса да «менин эмне ишим бар» деп турат эмеспи. Анан бирөөнүн короосуна секирип түшкөндү көргөн-көрбөгөнү кеп бекен. Макан секирип түштү. Ит-питтин үргөнү угулган жок. Кенен короодо Профессордун машинесинен башка да бир иномарка турат. Короонун төр жагындагы чакан сөрүдө свет жаркырайт. Жарыгы короого анча жетпесе да, баары көрүнүп турат. Макан үйдүн баягы жарык күйгөн эмес, сол жагындагы терезеге барды. Эки катар раманын бири сыртын көздөй, бири ичин көздөй кыңырая ачылып турат. Макан сумкасындагы тапанчаны колуна алып терезени чоңураак ачты да, бөлмөгө мышыктай секирип түштү. Короо жактан келген бүдөмүк жарык бөлмөнү үрүл-бүрүл кылып турат. Бөлмө чоң экен. Диван, креслолор, ортодо узун стол, стулдар. Бөлмөдө эч ким жок экенин көргөн Макан эшикти көздөй жыла басты. Эшик ачык экен. Ортоңку бөлмөдөн төрт тарапка төрт эшик кетет, сыртка чыкчу эшиги менен бешөө. Макан эми тапанчасын белен кармап, баягы терезесинде биртопко жарык күйүп кайра өчкөн бөлмөнү ачты да, ичкери кирип эки-үч кадам аттай бергенде жарык шарт күйдү. Ошол замат Макан шалак эте турган жерине күп түштү. Каракушка тийген оор нерседен эле анын сулк жыгылганы. Бөлмөнүн төр жагындагы диванда Профессор отурган эле.. . Эс-учу жок жаткан Макандын жанында анын эки жигити турат. Бири колундагы чүпүрөк оролгон чулу темирди сыртка алпарып таштап кайра келди. Булар шашкан жок. Профессордун алдына коюлган жапыз, чакан столдогу коньяктан аздап ууртап, ага жанаша коюлган креслодо отурушат эки жигит. Макандын колунан ыргыган тапанчаны бир жигити Профессорго бергенде, ал анын тияк-биягын кармалап көрүп, столго коюп койгон.

Аздан кийин Макандын кыймылсыз денеси кыймылга келди. Оң колу каракушун басты, капталына оодарылып турмакчы болду эле, башы көтөрүлбөйт. Дагы азга турду. Анан ордунан араң туруп беркилерди көрдү. Көрдү да, баарын түшүндү. Тапанчасын тигилер небак алганын билсе да, жерден карап издеп койду. Сумкасы өзүндө асылуу жүрөт. Аны оңдогон болду. Тигилер колундагы коньяктарын ичип отура беришти, үн катышпайт. Мыскылдай карап турушат. Макан эмне аракет кыларын билбей турат.. .

Макан эч качан мындай абалда калган эмес. Жок кылам деп келген адамы анын оюн небак билип, ар кадамына сарэсеп берип, бөлмөдөн күтүп алганын карабайсыңбы.. . Эми кандай аракет кылат? Тапанчасы Профессордун алдында жатат. Эңгезердей эки жигит кылт этсең баса калчудай даяр турат. Үчөөнө алы келбес, алы келген күндө да Профессор тапанча менен бир басса бүттү да. Макан өтө жаман абалда эле. Тигилер андай-мындай деп айтса, эч болбоду дегенде энеңди-атаңдылап сөгүшсө жакшы болбойт беле. Үн катпай, стакандагысын шашпай ууртаган болуп шылдыңдагандай, басынткандай карап турушпайбы. Эмне кыларга башы жетпеген Макандын курчтугу бийлеп кетти да:

– Эй, Профессор, мен сени уруп да койбойм! – деген сөздү айттырды Маканга.

– Туй энеңди.. . – деди Профессор ичинде, – бу неме кенедей да коркуп койбойт го.. . Эти ооруп, жаны көзүнө көрүнгөндө кандай сайрап калар экен.

Профессор токтоо жооп берди:

– Ии, уруп койбойсуң. Анан эмне кылайын дейсиң?

– Эмне кылышты өзүм билем, эшек!

Профессор «эшек» деген сөздү Ромдон гана укчу да. Канча токтоо болууга аракет кылса да, каны кайнаганын басалбай калды, кыйкырып жиберди:

– Энеңди гана урайып, көт десе! – Эки жигитине бакырды: – Эмне карап турасыңар?!

Экөө араң эле турган экен, Маканга учуп жетишти. Эми эле каракушка жеп эсине келип-келалбай турган Маканда тигилерге дурустап каршылык кылууга шай жок эле. Антсе да экөөнүн бирин ээк талаштыра уруп калууга үлгүрдү. Анын соккусунун кубаты жок болчу. Эки жигит эки жагынан чыгып баса калып моокумдары канганча тепкилеп салышты. Профессордун моокуму канбай жатат. Эпадам, Макан кыйкырып-өкүрүп, эти ооруганын билдирсе же жансоогалап, «урбагыла, теппегиле» деп жалынса моокуму канат болчу. А бу немеден үн чыкпайт.

Дене сулк жатты. Бетинде ажырым жок, кан сыбызгыйт. Дене дирт-дирт эте түшүп тынчыды.

– Өлө элекпи? – деди Профессор Макандын денеси тынчый түшкөндө.

Жигиттин бири эңкейе берип тыңшайт:

– Өлчү түрү жок.

– Өлбөсө бактысыз экен, энеңди.. . Өлүм жыргал сезилгендей кылбасам элеби. Алпарып салгыла!

Тиги экөө Маканды эки колдон алып короого сүйрөп чыгышты. Анан бири гараждагы машинени айдап чыгып, сулк денени анын ордуна сүйрөп ташташты. Дене азга кыймылдады эле, дагы бир-эки жолудан тээп кетишти.. .

Макан эртеси көзүн ачты. Калтырап үшүп калыптыр. Денеси салмактанат. Сыздабаган жери жок. Колу-бутум сообу деп кыймылдаткан болот, соо көрүнөт. Ордунан туралбайт. Турганга шашкан деле жок. Окуяны чубап ойлонуп жатат. Профессор өзү ойлогондон да куу тура. Макандын аңдыганын кайдан билди экен? Өзүн кай жерден көрдү экен? Профессор Бекенди тумшукка берип, кайра кетип баратканда көз айнегин чечип көзүн сүртүп аны кайра тагынбай чөнтөккө салганын ошондо көз ирмем тиктеше калып, Профессорго таанылганын Макан билген жок. Анан Макандын аңдыганын билген Профессор баарын белендеп, аны «жакшылап» тосуп албадыбы. Бул үй бир жигитинин үйү болчу. Бир балалуу неме. Аялы этаж үйдө ошол баласы менен турат. Бул жакка айда-жылда бир келет. Күйөөсү бул үйдү жакшы-жаман иштерге пайдаланат. Көбүнчө ээн турат бул үй.

Макан көз ачып азга эсине келип, наркы-теркини ойлоп бир саатча жаткандан кийин эптеп ордунан турду. Гараждын темир эшигинин үстүңкү бурчунан анча-мынча шоола түшүп турат. Эшикти түрткөн болду, бек да. Бурч жакта жөлөнгөн дөңгөлөк бар экен, аны жерге жыгып үстүнө отурду. Эми бул жерден кантип чыгууну ойлоп турду. Эшикти сындырып чыгуу эч болбосун түшүндү. «Эмне кылып», «кантип» деген суроолор шишиген башты дагы да шишитти.. .

Профессордун буйругу боюнча баягы эки жигит бу жерге үч күн өткөзүп туруп келишмек. Ага чейин бу чала өлүк болгон неме эсине келип, суусап, курсагы ачып.. бок-жини аралашып цемент полдо жата турсун. Ошондо бу эрдемсинген неменин кыйындыгын көрөр. Азырынча муну өлтүрбөйт. Бекен досунан мунун башы үчүн акчасын түбүнө чейин кактап, анан башын берет. Жок, тирүү башын эмес, сумкеге салынган өлүү башын. Ушундай бүтүм чыгарган Профессор.. .

Макандын тили оозуна батпай суусап чыкты. Жок экенин билсе да ордунан туруп бурч-бурчтан суу издеди. Кайдан болмок. Жана бир аз жакшы өңдөндү эле, эми бүт денеси ажырымсыз түгөлү менен сыздап ооруду, башы тегеренип, кускусу келет, кез-кези менен окшуп коет, кускан жок. Өзүн жоготуп, кайра эсине келет. Аман калар бекем дегенди ойлойт эсине келгенде. Башы зыркырап тегерене түшөт, бу дүйнөнүн бар-жогу билинбей калат. Дөңгөлөккө да отура албай, анын жанында суналат. Өрттөнгөн денеси цемент полдун муздагын жактыргандай кайра мемирей калат, көнүгө түшөт. Далайга тынчыды, анан кайра эсине келип көзүн ачты. Эптеп өйдө болуп, баллонго көчүк басты. Бир маалда спорттук күрмөсүнүн чөнтөгүнө кол салып бир нерсени сууруп чыкты. Сотовый телефону экен. Сүйүнүп кетти. Бирок бекер эле сүйүнүптүр, эки жигит тепкилегенде мунусу да соо калбаптыр, бүтүн өңдөнүп кармалып турганы менен, талкаланып калган экен өз денесиндей эле. Ыргытып салды, жаны көзүнө көрүнүп, өлүм жолунда кетип бараткандай «баары бүттүбү?» деген жүрөк канаткан ой келет. Бирок адамда баарынан улуу нерсе – үмүт деген бар. Үмүт дегениң баарын жеңип турат. Бир буту көргө салаңдаган адамдын экинчи буту үмүт таянып турары бар.. . Макан үмүттөнөт. Ушул жерде калмак беле, бир жолун табар. А балким Бекен баарын угуп, фирманын коопсуздугун сактап жүргөн жигиттерин топурата ээрчитип мына-мына кирип келип гараждын эшигин таш-талкан кыла ачып бошотуп алар. Бошонуп алса эртеси Профессор өлдү дей бер. Ромун кошо жайлайт, бирин калтырбайт, бир да бирине аео бербейт Макан.. .

Кыймылдаганга алсыз жанайласын таппай жатып, өзү тирүүлүктөн алыстап баратып үмүттүн жетегинде калат. Денеси чыйралгандай боло түшөт. Анан кайра ою үзүлөт, жаны жер тартат.. .

Макан дагы эсине келди. Биринчи эле сезгени – денеси от, жалын. Суу куюп жиберсе ысык мешке төгүлгөн суудай чыр дей түшчүдөй. Кайсы маал экенин билбейт. Эртеси саат 10дор болчу. Бу жерге эки түнөгөн.. .

Бир маалда короодон дабыш чыкты. Бирөөлөр жүргөн өңдөнөт. Кулак түрө калды. Дабыштан эч нерсе жок кайра. Анан гараждын эшиги карс-курс эте ачылып кетти. Жарык төгүлдү. Макандын көзү уялат. Жумуп-ачып атып, колуна монтировка кармаган немени көрдү. Баягы өзүн тепкилеген немелерби деди. Башка экен. Тиги неме бети-башы көк шишик болуп, кийим-кечегине чейин канга боелгон коркунучтуу немени көрүп, көз ирмем эси оой катты да, анан колундагы монтировканы ыргытып жиберип артка чуркай жөнөдү. Үйдү айлана качты. Макан эч нерсеге түшүнбөйт. Тиги неме башка шериктерин ээрчитип келип өлтүргөнү жатышат го деген ой кетти. Эптеп ордунан туруп монтировкага жетти. Аны араң колго алды. Бирок аны менен шилтөөгө кудурети жок болчу. Бар күчүн жыйнаган болуп сүйрөлө кадам атталып короого чыкты.

Бул убакта жанагы гараждын кулпусун жулуп ыргытып, Маканды көрө кайра качкан неме дубалдан секирип түшүп, көчө бойлой шыпылдап кетип бараткан. Бул ууру эле, улуту – уйгур. Азыр отузда. Уурулукту туура беш жашында баштаган. Ата-энеси бул үчкө чыкканда ажырашып кеткен. Ошондон бери атасын көргөн эмес. Башка аял алып Казакстандын бир жеринде жашайт деп уккан. Энеси өңдүү-түстүү, эркектер менен шарактай көңүл ачканды жакшы көрчү. Ошондон улам булардын эки бөлмө квартирасынан эркек үзүлчү эмес. Алардын канчасы келбеди. Энеси уулу жүрөбү, курсагы ачпы-токпу, анча эсеп берчү эмес. Бир күнү таттуу жегиси келген бала төркү үйдө шаракташып жаткандардын үстүнө кирип барды. Столдо жайнаган тамак, бөтөлкөлөр. «Мама, шоколад жегим келип жатат» деди столду карап. Мамасы дивандагы тармал чач килейген эркектин тизесинде отуруп, анын мойнун кыса кучактап, бетин аймалап жаткан экен. Тура калды. «Сени биякка кирбе дебедим беле» деп жулкуна келип уулун колунан ое кармап, уктоочу бөлмөгө түртүп жиберди. «Экинчи кирсең, өлтүрүп салам, сволочь!»

Бала ыйлаган жок. Далай таякка бышкан неме ооруган колун кармалап кала берди. Шоколадды эстебейт эле, терезени карап отурса өзүнө жашташ бир кыз эки колуна эки шоколад кармап, улам бирин тиштеп энесинин артынан басар-басмаксан болуп, аны улам «бас» дедиртип кетип баратат. Ошондо бу бала да шоколад жегиси келип, шоколаддын ордуна таяк жээрин билип турса да, мамасына барып жатпайбы.. . Бала бир азга туруп оозгу үйгө чыкты. Сыртка чыкмай болуп кийим илгичтен пальтосуна жетпей, ашканадан стул көтөрүп келди да, алды. Үйдөгү кишинин кайыш курткасы да илинип турган эле. А балким чөнтөгүндө шоколад болуп жүрбөсүн. Келген кишилердин кай бири мамасына чөнтөктөн шоколад алып бергенин көрчү да. Балким бу киши шоколадын бербей унутуп койгон чыгар. Бала куртканын каптал чөнтөгүнө кол салып, бир тутам акча сууруп чыкты. Колуна кармап бир азга турду. Анан акчалардын ичинен чоңурагын тандап алды да, калганын алган жерине кайра салды. Акча колунда. Пальтосун кийип эшикти акырын ачып сыртка чыкты. Үйдүн дал маңдайында толгон комоктор бар, шоколаддын түрүн сатат. Биринчи эле комокко акча сунду: «Шоколад бериңизчи?» «Кандайынан?» деди ичиндеги аял. «Чоңунан». Аял килейген коробка шоколад, анан да көп акча кайрып берди. Акчаны билбей кайра көбөйтүп берген аялга таң калды бала. Жүз сом сунуп, алтымыш сомдук шоколад алганын билбеди. Колундагы коробкасын ошол эле жерден ачып, бат эле нан жегендей жеп тынды. Дал ошол күндөн кийин мамасына келген эркектердин чөнтөктөрү аңтарылып турду. Атургай бир ирет тигилер жаткан үйгө түн оой уурдана кирип, кучакташа коңурук тарткан мамасы менен эркек ойгонуп кетеби деп коркпой эркектин шым чөнтөгүн «тазалап» чыккан. Ошондо биринчи жолу билинип, мамасынан чаң күбүгүч менен этин көгөртө таяк жеген.

Андан бери сан жеткис жолу уурулугун жасады. Үч жолу отуруп келди. Төрт-беш жылдан бери машине уурдайт. Шерик күтпөй өзү жалгыз иштейт. Шаар четинен сатып алган үйүнүн короосу бийик курчалган, жылчыгы жок бүтөлгөн. Ошол короодо уурдалган машине эки-үч күндө «устукандалып», «сөөк-саагы» базарлардагы соодагерлерге таратылат. Жанагы үйдүн «Мерседесин» аңдууга алганы жарым ай чамалаган. Бул үй көбүнчө кароосуз каларын, гараждагы машине кез-кези гана айдалганы болбосо, гаражда болорун аныктаган. Бүгүн жаңылды.. .

Макан колундагы монтировканы кармай короодогу орундукка отуруп азга ойлонду да, дарбазаны көздөй басты. Ал сыртынан бекитилген экен. Баягы секирип түшкөн дубалга келди. Секирип чыга алчудай эмес. Короодогу столду алып келди. Ага чыгып, эптеп дубалга чыкты. Секирип түшө албайт эле. Колундагы монтировканы ыргытып, дубалдын кырына асылып ылдый жылмышты. Жерге күп деп саамдан соң турду эптеп. Анан бар күчүн жыйнап көчө менен жөнөдү. Кийим-башы кан, араңжан болуп бараткан немени көрүп, бала-чака айлана качып өтөт. Көчөдөн көчөгө өтүп, бир ишкананын ачык турган эшигинен кирди. Эшик тоскон чал утурлады:

– Эй, кайда барасың? Бул жакка кирүүгө болбойт.

– Телефон чалып алайынчы, байке.. .

– Бу жер көрүнгөн телефон чала берчү жер эмес, бар, жолуңа түш! Азыр милийса чакырам!

Кароолчунун столунда телефон турат. Макан үн катпай барып телефон бурады.

– Эй, кандай немесиң, ыя?! Сага ким уруксат берди, ыя?! Сени азыр каматпасам элеби! – Кароолчу Макандын колундагы телефонду талашмакчы болду, кайра боору оорудубу же чочудубу, анткен жок. Тигинин сөзүн тыңшай калды да, «Бекен, мени тез алып кет» деп адрес айтканын укту.

Макан сыртка чыкты. Он мүнөт өттүбү, жокпу, Бекен машинесин өзү айдап келип Макандын коркунучтуу кебетесин көрүп, ыргып түшүп эшик ача отургузду:

– Сени тирүү көрөм деп ойлогон эмес элем. Эмне айла кыларды билбей жинди болуп аткам. Сенин үнүңдү угуп, жүрөгүм жарыла жаздады.

Макандын сүйлөөгө дарманы аз болчу. Бекен аны сезди, көрдү. Түз эле бир жакшы досунун мейманкана-саунасына алып келди. Чакан сегиз номерде да, саунада да киши жок экен. Эч кимди кабыл алба деди бүгүнчө. Досу да айкөл жигиттерден экен. Эпилдеп кабыл алып, Бекен экөөлөп Маканды жуунтуп-тазалап төшөккө жаткырышты. Бекен дароо дагы бир жакшы тааныш хирургду телефондон чакырды эле, анысы даяр тургансып бат эле келди. Маканды наркы-терки этияттай оодарып, сөөк-саактары бүтүн экенин айтты. Мындай чымыр денелердин сөөгү оңой менен сынбай турганын кошумчалады. Чулу темир менен каракушка жеген жери да соо экен, баш сөөк сынбаптыр, чүпүрөк менен ороп соккондон го, кебетеси. Анткен менен бүт дене кызыл-көк тартат. Оң көздүн жаны, каштын учунан ылдый тери жарылып, эти чыгып турат. Бу жерде болгон дары-дармек менен жаралар сыйпалып, Маканга эки жүз граммдык стакан менен таза арактан бирди бастырышты. Бу арак деген арбак ургуруңдун пайдасы да болот тура. Макан магдырады. Бат эле уйкуга кетти.

Бекен ишине барып, эки сааттан кийин кайра келди. Макан дале уйкуда экен. Ойготкон жок. Кожоюн досу экөө бир бөлмөдө тамактанып, аздап жүздөшүп наркы-теркиден сүйлөшкөн болуп отурушту.

Макан көптө барып ойгонду, көл-шал болуп тердеген. Бекен аны өздөрү отурган бөлмөгө колтуктай келип отургузуп, тооктун сорпосунан ичирди. Бир-эки кесим чучук сугунтту. Бул жерде кечке отуралчу түрү жок, Маканды кайра ордуна жаткызды. Эми экөө кенен отуруп сүйлөшүүгө болот эле.

– Кечээ кечинде баягы айбан эч нерсе болбогондой мага келип кетти, – деди Бекен сөз баштап. – «Маканың менин колумда, досумду тирүү көрөм десең жүз миңди санап кой, бир күнү алып кетем» дейт. Жүрөгүм түшүп калды. Мен айттым, биринчи Маканды алып кел, анан сураганыңды аласың деп.

– Анан?

– Анан «менин айтканымдай гана жасайсың, моюн толгой турган болсоң экөөңдү бир көргө жаткырам» дейт.

– Сен эмне дедиң?

– Жаткыр дедим. Ошол жерден атып салса да эмне болуптурмун, антип айтпай. Маканды алып кел дагы, алчуңду алып кет дедим.

– «Мен алып кетпейм, өзүң алып келесиң» деп кете берди.. . Сен кантип бошондуң?

– Кантип бошонгонумду да билбей калдым.. . – Макан баштан-аяк болгонун болгондой кылып айтып берди.

Ал окуя айтылып бүткөндөн кийин бир саамга үн катпай отурушту да, анан Бекен айтты:

– Макан, баарынан кечтим деп туруп фирманы сатып жибербейлиби, ыя? Тынч оокат өткөрсөк да жетээр.. .

– Сен эмне, жинди болгонсуңбу?! Ошол эшектерден коркуп биз эмне.. .

– Корккондой кылып жатпайбы. Жанагы ууру болбогондо сенин көргөн күнүң не болмок?!

Макан бир нерсе айтмак болуп баратып, кайра токтоду. Тигилердин колунда жаш баладайбы, бечарадайбы, түшүп бергенине уялып кетти.

Бекен оюн улады:

– Фирманы сатсак Токендин балдары менен экөөбүзгө жетип берет. Айылга барып мал багып, эгин айдап тынч жата бербейбизби дейм да.

– Азыр эч жерде тынч жата албайсың. Тынч жаткызышпайт. Мени досум десең экинчи сатам деп айтпачы, уктуңбу. Ал оюңду угузбачы, экинчи.

– Макул, – деди Бекен анын сөзүн кыя албай. – Сен дагы менин сөзүмдү укчу – беш-алты жылдай алыс жактарга кетип калбайсыңбы?

– Кайда кетем?

– Толуп атпайбы кетчү жактар. Америкага чейин кетсе болот да. Тоюнуп, жарылганча жеп-жутуп алып кетип жатышпайбы.

– Мен жарылганча жегенимди көрдүңбү?

– Сени кайдан айтайын, сөз арасында айтылган сөз да бир.. .

– Мен эч жакка кетпейм. Алыс эмес, ушул жерден да кетпейм. Качып өмүр өткөзө албайм.

– Анан эмне кылайын дейсиң?

– Сени тынч иштетейин, жашатайын дейм.. – Ушундай бүдөмүк өңдөнгөн Макандын айтканы менен экөөнүн сөзү байыды.. .

***

Бекен кеткенден кийин Макан көзү илингенче ой жетегинде. Эмне кылат? Профессордун көзүн тазаламайын Бекенге да, өзүнө да тынчтык жок.. . Ошону ойлоп отуруп, күтүүсүз жерден баягы көрүп эле көкүрөккө берилип, бекем каткан Нестандын сүрөтү тартылды маңдайына. Сагынып кетти. Барып кабар алып, керемет жүзүн бир көрүп келүүгө жарабаган өзүнүн кенебестигин жектеди. Эмне абалда болду экен? Алганы карыган чал деди эле, жаш неменин шорун кайнатып жатты бекен? Макан деген бир жигит «алтыным» деп айтты эле деп эстээр бекен же небак унуттубу? Унутту да. Барбаса, көрүшпөсө унутат да.. . А Макан өзү унута албайт. Таптакыр унута албайт. Унутпаса, жүрөктүн тереңинде бапестей арзып жүрсө, анда неге ага барбайт? Неге түбөлүк бир болуунун, бир бүтүнгө биригүүнүн камын көрбөйт? Өзү каалап тийип кетти дейт, кантип эле карыган чалга өз каалоосу менен тийип кетсин? Байлыгына кызыктыбы? Андай шуулдаган, жулунган мүнөзү деле жок го.. . Ушинтип ойлоп Макан Нестанды аябай сагынып, кусасы көкүрөктөн ашып-ташып турду.. . Жакшы болуп, бети-башы айыгары менен сөзсүз кезигет. Сөзсүз.. .

***

Нестан баягы дунгандын эмне кылса өзү билчү көңүлүндө эле. Капыр дунганың иштетсе ишине чегип, аял кылса төшөгүнө сүйрөп, куурчактай чимире ойноп жаткан.

Ошондо машинеге салган дунган ошол жерден жети-сегиз чакырым алыстыктагы дагы бир талаасына алып барды. Бу жерде жалдап иштетип кул кылгандар үчүн алачык бар, андан үч жүз метрдей жерде өзүнө арналган, өзү гана турган чакан вагон-үйү бар. Бул жерге жарык тартылган, үйгө эмне керек болсо, телевизор менен муздаткычтан баштап баары бар. Кез-кези көңүлүнө төп келген кыз-келиндерди да ушул жерге алып келет.

Нестанды бир көргөндө эле жактырган дунган дароо эле кым деген, «сен меники эмей кимдикисиң» деп шилекейин жуткан, эркек кумарынын шилекейин. Жолдо келатып Нестанга бир-эки ооз тийиштик сөз айтты эле, ал үндөбөдү, отурган калыбынан жазбай, караган да жок. Вагонеткага келип, ичкери жөлөй киргизди. Же мас эмес, же соо эмес кейиптенген бу периште жетелеген жагына көнүп берди. Сырткы бөлмөгө бут чечилип, төркү бөлмөгө өтүштү. Нестан диванга отургузулду. Анан анын маңдайына чакан стол коюлуп, муздаткычтын ичиндеги дүйүм тамак тизилди, арак менен вино коюлду. Дунган Нестанга катарлаш отуруп вино куюп сунду. Кыз алган жок. Дунган кыргызча кыйнаганды кайдан билсин, дагы бир ирет ал деп, анан жайына койду. Өзү да ичпеди. Кыргыз неме болсо кыздын оозуна куйгуча кыйнап, өзү да дембе-дем басмак. Кыз вино гана ичпестен, тамак да жебеди. Дунган куйган бөтөлкөдөгү суудан удаасы менен эки стакан ичти. Дагы бир бөтөлкө ачылды эле, аны да токтотпой ичти. Дунган кызды чочулай кармап кучактаган болду. Үн жок, каршылыгы билинбейт. Эми бекемирээк кысып бетинен өптү. Кыздын жүзүндө өзгөрүү жок, өөп жатабы, тээп жатабы, баары бир экен. Эркегиң күчөй өптү. Бир маалда:

– Сен эч жакка чыкпа, – деп жана бир ирет сыга кучактай өөп Нестанды сыртынан бекитти да, жөнөп кетти.. .

Жөнөп кеткенинин жөнү бар – дунган аялдын пири, периштеси болсо да ишин таштап аны менен калып кумарга батпайт, дунгандын кумары пиязы менен чамгырында, андан кийин башкасы. Дунган талааларын кыдырып, кулдарын тейлеп-тескеп келүү үчүн кетти. Ал көпкө чейин жүрдү: талаасын кыдырды, базарга барды, айылдагы үйүнө да кайрылды. Анан кеч бешимде кайтты вагонеткага. Келсе баягы кыз отурган жеринде отуруптур, а балким наркы-терки баскандыр, уктап тургандыр. Дунган чай кайнатып бир чыныдан куйду. Нестан ичкен жок, ордунан туруп сыртка чыкты. Тигиндейректеги туалетке кирип кайра чыгып, вагонетканын түбүндөгү орундукка отурду. Дунган акмалап жанында. А жерде кыз жарым саатча отургандан кийин дунган аны колдон тарта жетелеп вагонеткага киргизди. Тамак-аш коюлган столду жылдыра берип, диванды жазды, бурчтагы тапчан үстүндө үйүлгөн жууркандан алып, ак шейшептүү төшөк салды. Кызды жат деди эле, ал турган жеринде тура бергенде дале колдон тарта жаткызды. Молодой катып, бир дабыш чыгарбаган бу сулууну дунган тең агарганча уктаткан жок.. .

***

Мейманканадагы Маканга Бекен саат 10дордо келди. Дагы бир врачты ала келиптир. Ал врач Маканды бел курчоосуна чейин чечиндирип, тыяк-быягын тыңшап көрүп, улам-улам «жакшы, та-ак.. . » деп коюп эки ирет укол сайды. Эки куту дары-берип, канча ирет ичерин айтты. Макандын абалы анча деле дурус эмес болчу. Врач кеткенден кийин Бекен Макан менен сүйлөшөйүн деди эле, анысы үргүлөй баштаганда жаткызып коюп, ишине кетти, кечке жуук келмекке.

Бекен ошол болжогон маалында келсе, Макан эми эле туруптур. Ошончо уктаганын карабайсыңбы. Экөө тамагы беленденген бөлмөгө келип столго отурушту. Макан тамакты дурус жеди. Тамактан соң экөө Макандын бөлмөсүнө келип тээ түндүн бир оокумуна чейин отурушту.

– Профессорду келеби дедим эле, келген жок, – деди Бекен, – дагы эмненин үстүнөн чыкканы жатат болду экен?

– Сага барбайт, – деди Макан, анан сөзүн оңдоду, – барбайт деп ойлойм.

– Эмнеге?

– Өзү билет, – деди Макан сырдуу.

– А мен билсем болбойбу?

– Болот, – Макан Профессорго жөнөткөн катын айтты.

Макан бу жерге келген күнү эле бу мейманканада иштеген бир жигиттен Профессордун офисине кат таштаткан. Катта мындай деп жазылган: «Эшек, эгерде дагы бир жолу досума бара турган болсоң, дал ошол күнү өлүмүң келет, мен апкелем. Аны жасабасам катын болуп калайын. Макан». Макандын үйрөтүүсү боюнча конвертке салынып, сыртына «Профессорго» деп жазылган катты алпарган жигит Профессор отурган офис эшигин тоскон коопсуздук кызматынын бир жигитине таштап, үн катпай кайра кеткен. Макандын ал каты Профессордун колуна тийсе убактылуу болсо да Бекендин жаны тынчыйт деп ойлогон Макан. Чынында эле ошондой болду. Кат дароо Профессордун колуна тийди. Окуп чыгып кат берген жигитке шаша келди да, муну ким алып келгенин сурады. Тиги эч жооп айта алган жок. Аны алып келгендин жүзүн да оңдуу көргөн эмес эле, эркек экенин гана билет. «Бир эркек алып келген» деген жоопту уккан Профессор тигини сөз тандабай ашата сөгүп кала берди. Макан бу жерден дагы чоң жаңылыш жасады. Анткени эпадам, кат алпарган жигит кат бергенде ошол жерде Профессор болсо иш бүтпөдү беле. Ал жигитти өпкөгө эки тепсе айтып бермек да Макандын кай жерде жатканын. Эгерде ошондой болгон күндө Профессор Маканды көз ирмем тирүү коймок эмес. Кудай бир чоң сактады. Бул катты алгандан кийин Профессор Бекенди убактылуу тынч коерун Макан жазбай билди.. .

Дары менен тамактын күчү бир жума ичинде жакшы эле тыңытып салды. Бетинин шишиги тарап барат, жаагынын көз тушундагы өйдө жагы карттанып бүтүп атат, тырык калчудай. Эки жигиттин биринин туфлисинин учу даана тийсе керек. Бетиндеги көгала саргара баштады. Кара көз айнектин чоңурагынан Бекен апкелип берди эле, тагынса анча билинбейт. Азырынча Макандын бул жерде калышы коркунучтуу. Ошондуктан Бекен бир-эки ирет эс алып келген Байкалдын жээгиндеги бир эс алуучу жайга бир айга жөнөмөй болду. Анын деректири менен Бекен жакшы мамиле түзүп алган эле. ушул эле жайда ал Кыргызстанга келип Көлгө, кооз жерлерге барып, Бекендин сыйын жакшы көрүп кеткен, ыраазылыгын кайра-кайра айткан. Мына ошол жерге Макан тез арада жөнөмөй болду. «Эч жакка барбайм, сени эмне, Профессорго жалгыз таштап кетмек белем» деп так секирген немени Бекен араң көндүргөн. Эми эртең жөнөйм деп жатканда дагы айнып жатпайбы Нестандан кабар алып туруп кетем деп. Бекен буга да көндү. Маканды эптеп көндүрүп, кычыраган костюм кийгизип, мойнуна галстук илди. Толгон-токой таттуунун түрүнөн алышты, ага жөн адам албачу коньяк, винолордон кошту. Өрт болуп турган эки жигит тартынып турмак беле, сураштырып отуруп таап Куландын дарбазасын кагышты. Эч ким жок. Ошол жерде эмне кылсак деп турушту эле бир сүлкүлдөгөн келин келди. Бул баягы Батма эле. Кенже жеңесине каралашат эмеспи.

– Келгиле, – деди Батма бул экөөнө суроолуу карап.

– Келдик, саламатсызбы? – Бекен учурашып турду. – Кулан байкени издеп келдик эле.

– Акем кечээ кеткен боюнча жок. Эмне жумушуңар бар эле?

– Анча деле зарыл жумушубуз жок. Өзүбүзчө бир аз сөз бар болчу.. . А кишинин байбичеси үйүндөбү?

– Үйдө болбогондо кайда болмок эле.. . – деди Батма тигинин шал экенин ойлоп.

– Аны менен сүйлөшсөк болобу?

– Кулан акенин өзү менен сүйлөшпөйсүңөрбү?

Бекен Батманы жоопсуз калтырып, машиненин багажнигин ачып аялга кайрылды:

– Анча-мынча бирдеме ала келдик эле, таштай кетели.

Батма коробкаларды көрдү, биринен бөтөлкөлөрдүн баштары сороет. Көздөрү жайнай түштү. Анысын жашырган жок:

– Киргиле үйгө, жеңем үйдө, – деди эпилдей, – балким, акем да келип калар.

Үч коробканы үчөө көтөрүп үйгө киришти.

Батма коробкаларды оозгу үйгө койдуруп, экөөнү Кенженин үстүнө киргизип, башка бөлмөдөн эки орундук алып келе койду.

Кенже ойгоо жаткан. Келгендерди көрүп, жүрөгү шуу дей түштү. Нестан жөнүндө жаман кабар алып келгенби же баягы чыр боюнча милийсадан суракка келген немелерби?

– Акемде жумушу бар экен бу жигиттердин, – деди Батма. – Келип калар деп үйгө киргиздим. Мен барып чай коеюн. Силер жеңем менен эрмектешип тургула. – Батма чыгып кетти, чыгып эле коробкаларга жабышты.

Бекен өздөрүн Кенже апага тааныштырып, акырындап атып келген жөндөрүн жашырбай түшүндүрдү эле, Кенже буркурап ыйлап жиберди, араң эле турганбы айталбай Нестандын кереметтигин, Кулан менен Сонундун абийирсиз, айбан иштерин чыпчыргасын коротпой айтты. Макан алардын бирин уккан эмес экен. эркек башы менен Кенжени коштой көздөн жаш алды. Муун-жүүнү бошоп, жүрөгү барча-барча тилинди. Нестаны өзүн күтүп, андан жансоога издеп жүргөнүн кайдан билди, кайдан туйду. Келип бир сурап койсо эмне, кабарын алып койсо эмне? Макандын жан-дүйнөсү аңтарылат, алты амалы түгөнөт. Кереметин жардамсыз калтырганын кара, жардам күтүп күнү-түнү эстеп, кедерин самап саргарган байкушту жетер жерине жеткириптир да.. .

– Чай ичкиле, жигиттер, – деди карп-күрп кирип келген Батма. Боздогон Кенжени, көз жашын уурдана аарчып отурган берки экөөнү көрүп шалдая калды да, үнүн бастатып дагы айтты, – чай даярдап койдум эле.. .

– Барып чай ичкиле, айланайындар, – деди Кенже Макандарга.

– Сизчи?

– Мага берсе ушул жерден беришет.

Бекен менен Макан анын бул сөзүнөн каралса каралары, болбосо тагдырга моюн суна аргасыз жата берерин түшүнүштү.

– Эже, – деди Макан Батмага, – сиз бу апаны карайт турбайсызбы, э?

– Карайм, карабаганда.. .

– Анда мындан ары жакшы караңыз. Момуну алып коюңуз, – Макан чөнтөктөн топ акчаны алып чыгып сунду. – Жетеби?

Акчаны колуна алган Батма шашып калды, өмүрүндө мынчалык акча кармап көргөн эмес да:

– Рахмат! Жакшы карабаганда.. . Карабай анан.. .

– Өмүрүңөн берсин, – деди Кенже. – Барып чай ичкиле, айланайындар.

Батманын коштоосу менен экөө чай даярдалган бөлмөгө киришти. Мейман күткөндөй дасторкон жасалган экен. Экөө алып келгендерден толтуруптур, бөтөлкөлөрдөн да коюлуптур. Меймандар бир чыныдан чай ичкен болушту. Алаңгыча Батма коньякты ачып жиберип кырдуу стакандарга баса куюп сунуп турду:

– Рахмат, бизге тим эле коюңуз, – деди Макан.

Аялдын ичкиси келип турганын даана баамдаган Бекен:

– Эже, биз жумуштабыз, а сиз бошураак окшойсуз, ушуну биз үчүн алып жибериңизчи, – деп Батманын алдындагы стаканды сунду.

Батма өзү үчүн эмес, булар үчүн иче турганын баса белгиледи:

– Болуптур, силердей мыкты жигиттер үчүн ичкен адам түз эле бейишке чыкпайбы. Кыйнап калдыңар.. . Мен деле алчу эмес элем.. . – деп толтура стаканды бир тартты. Бу жагынан эр окшобойбу.

Экөө бата тилеп кайра Кенжеге келип отурушту. Бүтпөс кайгы өкүттөсү менен козголгон сөз уланды. Булар дагы бир сааттай олтурушту.

– Апа, мен Нестанды сөзсүз табам, – деди Макан Кенженин бетинен өөп коштошуп жатып.

– Сөзсүз табабыз, – деди Бекен кошумчалап, – камсана болбой жата бериңиз, сакайып кетиңиз, аман болуңуз, апа.

– Мени коюп өзүңөр аман болгула, берекелерим. Некентайдын тагдыры силердин колдо. Таап алгыла. Экинчи бу жерге жолото көрбөгүлө, айланайындар, – деп Кенже көз жашын аябай жашып турду. Өзүнүн күйүтү, күйөө менен Сонундун күйдүргүсү, өз кызынан артык көргөн Нестандын аяныч тагдыры ошол көз жаштан дааналанып жаткандай.

Тигилер чыгып кеткенде: «Айланайындар, аман боло көргүлө, кудайым пендем десең ушулардын өмүрүн бере көр, Некентайымды сактай көр.. . » деп тилене күбүрөндү.

***

Экөө мейманканага кайра кайтып мындан наркы ишти сүйлөштү.

– Мен эч кайда кетпейм, – деди Макан сөз ошол жөнүндө башталганда, – Нестанды тапмайын кетпейм.

– Макан, антип кежирленбе, азыр Профессор бүт күчүн сени таап жок кыларга жумшап турганын менден кыйын билесиң. Аз убакка жашырына тур. Денсоолугуңа кара. Нестанды мен издейм. Жердин түбүнөн болсо да табууга сага сөз берейин. Тирүү болсо таптым дей бер, – ушуну айтып ыңгайсыздана калды, – анын тирүү экенине ишенем.

– Аны тапмайын кетпейм.

Кежири нак кармаган Маканды Бекен бүт аракетин айтып жатып араң көндүргөндөй болду. Жок эле дегенде жарым ай эс алууга барып кел деди. Макан көндү, кыйбас досу үчүн көндү көрүнөт. Ушул ирет Нестанга болгон сезимин Бекенге болгон дилинин тереңинен таза берилүүсү, достугу азга жеңип койду.. .

Нестанга жетимсиреген аяныч тагдырына кошумча анын сүрөтү жок экенине чоң кайгырышты. Кенже апанын сөзү боюнча Нестан өзү айткан экен, эс тартканы бир жолу да сүрөткө түшпөптүр. Сүрөтүн ала кетип, а балким милийсага беребиз деген экөө. Сүрөтү жогуна ого бетер капа болушту. Бир сүрөтү жок бактысыздыгын кара!

Макан менен Бекен ошол эле күнү кайра райборборго келип милийсанын начальнигине киришти. Бу кырктарга чыгып калган подполковник Бекендин жакшы санаалашы. Айылдапы кошуна. Болгон ишти Бекенден угуп:

– Табууга сөз берем, санаркабагыла, – деп экөөнү жакшы узатты.

– Мен жигиттерге да айтам, өзүм да издейм, табылбай коймок беле, – деп Бекен да досунун санаасын тындырды машинеде баратып.

Ошол эле күнү таң заардан Макан поездге түштү.. .

***

Жаш катын ала коем деп түйшүгү көбөйгөн Куланда жан жок. Ошол Нестандын ооруп калганынан шектенип, чабылып жаткан эгинин кыя албай, санаасын көкүрөккө түйүп алып кеткен неме үйүнө келсе Нестаны жок. Бөлмөлөрдүн баарын издеп, эми эле эшигин ачып карап кеткен Кенже жаткан бөлмөгө кайра кирди:

– Нестан кайда кетти, ыя?

– Бу жерде жатсам, анын кайда кеткенин мен кайдан билейин! – Кенже Нестандын бир жакка кеткенин ойлоп, жүрөгү оозуна тыгылып жаткан, орой жооп берди.

– Ой энеңдурайын, тирүү өлүк!

– Тирүү өлүк деген сен! Аялын карай албай жок издеген тирүү өлүк накта сенсиң! – Жаны күйүп турган неме ушинтип катуу айтты.

– Энеңди гана урайын, куураган шал десе. Сен минтип тирүү өлүк болуп жатпасаң кайдагы катынды алат элем, ыя?! Дал мына сен алдырдың катынды!

– Ии де. Сен соо кезиңде соо жүргөм дечи, уят-сыйыты жок акмак! Никеси болгону менен канча катын алдың, ыя, санап берейинби?!

– Санагандан кет! Качан өлөрүңдү сана!

– Өлүм экөөбүзгө бир. Менден мурун сен өлүп кетериңди кайдан билесиң, ыя?! Кесир сүйлөбө!

– Эк, энеңди!.. – Кулан Кенжени уруп жиберчүдөй тап берип барып токтоду да, эшикти тарс жаап чыгып кетти.

Түн ичинде кайдан издемек. Таң агарганча түйшөлүк уктап, таң эртең аялын издеп жөнөдү. Чачын ак бубак болуп картайган катарга кошулуп калган кезде «аялымды көрдүңбү?» дегендин өзү жаман тура, антсе да кезиккенден сурап жүрдү, ушундай бир кызды көрдүңөрбү деп Нестанды сүрөттөп. Көрдүм деген адам болгон жок.

Анан бээсин откозгону бараткан бир чал айтты:

– Кечинде муну откозуп жүрсөм бир кыз талаалап кетип бараткан. Жолдон көп неме жок турса бу талаалаган кызык неме го деп койгом. Тээтигинден нары кеткен, – деп күн батыш тарапты жаңсады.

Кулан ошол тарапка талаалады. Коңшу айылга кирип эки-үчөөнөн сураган болду, көргөнү чыкпады. Дал ошол маалда Нестанды дунган салып бараткан эле бу жерден отуз чакырымдай жерде.. .

***

Макан вагонго кирип тийиштүү купесин таап чакан сумкесин жерге коюп көчүк басты. Вагондун ичи кыжы-кужу, эңгезердей сумкелерди көтөргөн, сүйрөгөн аялдар. Бири эркек сымал карылуу күрсүлдөп, бири аялча алы жок. Ошо сыртынан караганда кенедей, алы жок көрүнгөн кибиреген аялдар өздөрүнөн алты эсе чоң таңгак, сумкелерди наркы-терки сүйрөп жүрүшөт. Сөздөрү назиктиктен куру, оркойгон, колдойгон сөздөр. Купенин ачык эшигинен аларды карап отурган Макандын оюнда Нестан бар эле. Нестан ушу наркы-терки сумке сүйрөгөн аялдардын бири болуп калса эмне?.. Жок, антип сумке сүйрөтмөк эмес, кантип ошентсин. Үлпүлдөтө ээрчитип, сулуулугуна суктанып, мактанып, анын кереметине тойбой, көз ирмем жанынан чыгарбай жүрбөйт беле. Бирөөнө жарым ооз жаман сөз айттырбайт болчу. Окутат эле бир окуудан. Анысын бүтсө жакшы бир иштен иштетип коймок. Күндө эртең менен ишине жеткирип, кечинде салып келмек. Бир ооз жаман сөз айтмак эмес, эркелетип гана турмак.. . Ушинтип ойлойт Макан. Нестанын сагынат. Эмне күндө болду экен? Эч нерсеге кагылбаган неме бирөөлөргө кор болуп жатпады бекен?.. Таза дил, назиктигинен башка эч нерсеси жок неме кор болуп жатат да.. . Дал ушул жерден Макан селт этти. Нестан кор болуп жатса, курортко кетип баратканы эмнеси?! Кор болсо го мейли дечи, өтүп кетчү иш ал, эгер тирүү болбосочу?! Макан сумкесин алып шарт ордунан турду да, тамбурга келди. Дал ошол маалда поезд Кыргызстандын акыркы станциясына токтоп, жүргүнчү салмак. Поезд токтоп, вагондун эшиги ачылары менен Макан жерге секирип түштү да, вокзалдын наркы тарабына өтүп, тизилген таксилердин бирине түштү.. .

Макандын жолдон кайра кайтканына үч күн болду. Шаар четиндеги бир менчик мейманканадан орун алып, мурун Токен өлө электе фирманын коопсуздук кызматында иштеп кеткен Мирбек деген жигитке телефон чалып чакырып, көпкө сүйлөшкөн. Бул өзүндөй эле курч жигит менен Макан тагышкандан эле дурус мамиледе болуп, аз өтпөй дос сыяктуу болуп калган. Азыр ал кайсы бир бизнесменди кайтарат. Бу досуна Макан Бекенге ишенгендей эле ишенет эле. Өз башынан өткөзгөн окуяларды толук айтпаса да, маанисин түшүндүрүп, курал таап берүүсүн өтүндү. Айткан куралы – тапанча ошол эле күнү Макандын колуна тийди. Аны берип жатып, «менден кандай жардам керек болсо даярмын» дегенин дагы айтты. Курал таап бергени чоң жардам экенин айтып, Макан досун сыга кучактап узатты.

Ошол түнү Макан тээ түн бир кыйласына чейин кирпик ирмебей өзүнүн баскан жолун, жакындарын, Нестан менен Бекенди, жек көрүп турган Сонун менен Куланга чейин ойлоп мээсинин тамтыгын чыгарды.. . Өмүрү бычактын мизинде экенин да эстеди, аны эстеп «урдум» деди. Өлүмдү айттыбы же өлтүрөбүз дегендерди айттыбы, өзү да элес бере албай калды.. .

Ырасында анын өмүрү бычактын мизинде эле. Профессор оңой бекен, Бекендин артынан күнү-түнү аңдытып, Макан Иркутскиге белет алып поездге түшкөнүнө чейин билип, эки жигит ал отурган вагондун алдыңкысына отуруп, Маканды Иркутскиге жеткирбей эсебин таап кайра кайтышмак.. . Жайламак адамы бат эле түшүп калат деген ойлоруна да келген эмес.

Маканды поезден тындым кылчу эки жигиттин бири кечке жуук ал эмне кылып келатат болду экен, келатабы же жокпу деп берки вагонго өтүп сыйпалап калды. Дароо шеригине жетип айтып, экөөлөп бүтүндөй поездден издеп таппай калышты. Купелеш немеден сураса «небак эле сумкасын көтөрүп чыгып кеткен» деп издегендердин демин суутту. Бул убакта поезд казактын кең талаасы менен уруп бараткан эле.. .

Машинадан машина жалдап кайра кайтып экөө эртең менен түз эле Профессордун үйүнө барышты. Ал баягы Маканды кармап, кайра качырган үйдө бир көңүлдөшү менен түн өткөргөн. Уйкусу ачылып-ачылбаган Профессор тиги экөөнү көрүп ишти бат эле бүтүрүп келгенине ыраазы жылмайды:

– Ии, азаматтар, тез эле бүтүргөнсүңөр го, ыя. Баары жайындабы?

Экөөнүн бири шылкыйды:

– Таппай калдык.

Профессордун эмелеки жайдары жүзү кумсара түшүп, бетинен заары чыгып кетти, ачуу сөз таппай туттукту:

– Эмне?.. . энеңди?.. . козел!.. .

Профессордун байкоостон шилтенген буту «таппай калдык» дегендин дал табарсыгына тийди эле, анысы катуу бир үн чыгарып жерге сулк жатты. Экинчи жигит артка чегине берди. Профессор ага тийген жок, жаткан немеге бир түкүрүп сөгүндү да, кайра үйүнө кирип кетти, бат эле кийинип чыкты.. .

***

Таап келген тапанчаны Маканга берип кайра такси менен үйүнө бараткан Мирбек дал үйүнө жеткенче Макан жөнүндө, анын алдыдагы кыйын иши жөнүндө ойлонуп барды. Кудайдан коркпогон немелер менен каршылашып калыптыр, соо калар бекен. Ушуну ойлогон Мирбек үйүнө жеткенде таксиден түшпөстөн кайра Маканды көздөй айдатты.. .

– Эмне болуп кетти? – деди Макан күтүүсүз кайра келген Мирбекти көрүп. – Тынччылыкпы деги?!

Тынч эле. Мени кежирленбей уксаң тынччылык эле. Укпасаң чатак чыгат, эскертип коеюн. – Мирбек оюн-чындан ушинтти да Маканга жанаша креслого отурду.

– Чырыңды коюп айт эми?

– Сен мени дос деп эсептейсиңби? – деп баштады сөзүн Мирбек.

– Ооба.

– Аның чын болсо, мен сенин жаныңда болоюн.

Макан түшүндү Мирбек эмне айтып жатканын. Профессорду жалгыз жайлашың кыйын болот, сага жардам берейин дегени.

– Сенин ал ишке аралашканың болбойт.

– Эмнеге болбойт?

– Аялың, уулуң бар, алар эмне болот.

– Сен да кызык сүйлөйт экенсиң. Биз эмне түз эле өлүм тапканга баратабызбы. Тирүүлүктөн үмүт жокпу эмне?

– Ким билет?

Экөө бир саамга үн катпай ар кими өз ойлорунун жетегинде. Мирбек Макандан эки-үч жаш улуу. Шаарда туулуп өскөн жигит. Анткени менен сүйлөгөнү да, баскан турганы да айыл чалыштап турат. Ошондой тарбияланган го чамасы. Бир уулу бар, биринчи класска кирди. Кенедейинен футболго катышып, кийин аны таштаган, күрөшкө да, бокско да катышты. Бирок чыгаан спортсмен болгон жок, өзү деле ага умтулган эмес. Акырында каратэ залына барып калды, ушу күнгө чейин барат, денсоолук үчүн деп коет анысын. Маканды таанышканда эле жактырган, бара-бара өмүр бою достошуп жүргөндөй абалга жетти. Ага бат-бат кезигүүгө аракет кылат. Макан антпейт. Анткен менен Макан да аны жакшы көрчү. Жана үйүнө такси менен баратып Ром, Профессор эң коркунучтуу немелер экенин, алар Макан эмес, нечен бир уюшкан бандалардын түбүнө акырындап жетип турганын, алардын шаардык милийсада гана эмес министрликте да байланыштары бар экенин Мирбек беш колундай билет. Чындап киришсе Маканды жоготуп коюш алар үчүн чыйт түкүргөнгө турбайт. Алар үчүн Макан камгактай каршылаш.

– Макан, мындан ары экөөбүз эч качан ажырашпайбыз, макулсуңбу?

– Макулмун.

– Мен бүгүндөн баштап тиги немени кайтарганды токтотом. Бирөөнүн жанын коргоп оокат кылган жигиттик эмес экенин небак түшүнгөм.. . Эми экөөбүз бир иштейбиз.

– Эмне иштейбиз? – деди Макан.

– Иш толуп жатат. Азыр каалаганыңды иштесең болот, – деп Мирбек табышмактуу жооп берди. -Эми Профессоруңду айтчы?

Бул ирет Макан Профессорду да, Нестанды да, Кулан менен Сонунду да, алсыз жаткан Кенже апаны Батмага кошуп да айтып берди.

Экөө оголе көпкө сүйлөшүштү. Бири-бирин эч качан сатпоого, таштабоого ант беришти..

Профессор мынчалык жаман абалда калган эмес. Макан деген кайдагы бир чычымды тындыра албай, а турсун андан өмүрүнө коркунуч келчү абалга жеткени аз келгенсип, дагы бир кыйын абал чыкты.

Бу борбор шаардын, дегеле бүткүл өлкөнүн кримдүйнөсүндө барандуу оруну болгону менен Ром ал дүйнөнү падышалардай кыңк эттирбей башкарчу эмес. Бөтөнчө кийинки күндөрү Ромуңду уруп койбойм деген жаштардын топтору пайда боло баштады. Бул топтордо кой-ай деген сөздөр, асылдык, баалуулук анан да адамдык деген түшүнүктөр таптакыр жок эле, мыкаачылык менен канкордуктун бийлигинде болушчу. Каалаганын кылып, жолундагы тоскоолду жоо чапкандай кылып, барган жерлери кызыл жаян болуп жатып калат. Милийсаң да жөн жаткан жок, биринин артынан бирин кармап, соттолгону соттолуп, кээси кудурети эч нерсеге тең келбес акчанын күчү менен бошонуп, жолун улантып жатышты.. .

Мына ошондой бандалардын бири Ром курулгандан эле өз канатына калкалап келген шаар четиндеги килейген базарды бийлемек аракетин баштап, анын кожоюнун эскертүү иретинде кан куздуруп, ага болушмакчы болгон эки жигитин ээн талаага алпарышып бирден кулактарын кесип, колго карматып кетишиптир.. .

Муну уккан Ром ошол эле күнү ишенимдүү, кан жыттанган жигиттерин топтоп буйругун берди:

– Тынчыткыла!

Алардын кимдер, канча экенин, кандай куралдары барын, кай жерде чогуларын, сөз кыскасы – бүткүл информацияны чогултуу Профессорго тапшырылып, бир жума гана убакыт берилди.

Ром таап туруп жайла Маканды эмне кылдың деп сурабаса экен деп Профессордо жан жок. Ром сурабады. Андан маанилүү иштери толтура болчу.. .

Профессор ал банда жөнүндө информация алуу үчүн акча аяган жок. Өзү да, жигиттери да күнү-түнү иштеди. Тапшырма алгандан төрт күн өткөндө ал банда жөнүндө кайра-кайра текшерилген маалыматтар мындай болуп чыкты. Ал маалыматты олчойто акча алган шаардык бир опер да бышыктап, бул маалыматтар эмне үчүн чогултулганын билем деп дагы да акча кошууга Профессорду аргасыз кылды.

Ошентип банданын «өмүр баяны» мындай экен: анын башында «Боевик» деген чечен турат, беш жыл мурун Чеченстанда далай орустун канына тоюп, качып келген экен. Бандада өзү менен кошо келген дагы эки чечен, бири – Боевиктин бир тууган эжесинин баласы, экинчиси – алысыраак тууганы. Бу үчөөнөн башка банданын өзөгүн мурун милийсада иштеп кеткен кыргыз жигит, кызыгы бу жигиттин кличкасы – «Чечен». Өңү чечендерге окшош экен, анан дагы ага-ини эки орус бар. Бирин кебетесине карап»Мясник» дешет, кебетеси дилине дал келген неме дешет, далайды кыйнап өлтүргөн, кыйындыгы жок эле ичегисин чубап, рахат алат экен. Инисин «Братишка» дешет. Агасы ушинтип айткандан го. Ошентип бул алтоо өтө мыкаачы, темирдей тартиптүү, эч нерседен кайра тартпаган немелер. Алтоонун бири да наркотик колдонбойт. Мясник менен иниси экөөнөн башкасы оозуна ичкилик албайт. Бешөө Боевикке кыңк этпей баш ийет.. . Автомат, тапанчалар менен куралданган, а турсун бир гранатомету бар дешет.

Мына ушул маалыматтар менен Профессор тапшырма алгандан бешинчи күнү Ромдун үстүнө кирди. Ром Профессордун маалыматын шашпай угуп бүтүп, тамекисин бирде тартып, бирде өчүрүп ойлонду да, айтты:

– Ошол Боевик менен кезигип көрчү. Бар, бара бер.

Профессор андан чыгып Ромдун бул эмне дегени экенине мээси жетпей турду. Аларга кезигип эмне кылат. Дароо жок кылганча жигиттерин жибербейби?

Ром ал маселени ойлогон: эгерде бул алтоону жок кылууда өз жигиттеринен бирде жарымы колго түшсөчү. Албетте, андай иштердин далайын жапкан, бирок азыр ишин чуулгансыз улантып, капиталын дагы да топтоп, эки-үч жылдан кийин эң ишенимдүү эки жигитин алып, чет өлкөнүн бирине, оюнда Испания, Грецияга түбөлүк кетем деген планы бар эле. Эки жылдан бери ошол өлкөлөрдөгү банктарга Ромдун долларлары түшө баштаган. Милийсалардын жаңы министри бир жашыруун чогулушта: «кандай да болбосун Ром дегенди отургузгула, жок болуп кетсе да капачылык жок» деп айткан экен. Ошол жашырын чогулушка катышкан бир полковник жакында эле айткан. Демек, Ромго чуунун кереги жок, кенедей эле себеп табылса оңой менен кутула койбос.. .

Бу килейген базардан түшүп турчу акчага кедерги болгусу келчү топту балким сөз менен эскертип токтотуп коер. Жаңы министрдин жанагы сөзү болбогондо тиги чечендин тобун машаяк болуп кетсе да бир түндө кырып салууга кудурети бар Ромдун.. .

***

Профессор чакан кафеге жалгыз келди. Бул кафе бандадагы кыргызга тийиштүү. Мыкты ашпоз менен официанттардан тандап иштетип койгон. Боевиктин тобу көбүнчө ушул жерге чогулушат, тамактанып маселе чечишет. Кафе адам көп өтчү жерде орун алгандыктан, таңкы сегизден түнкү он экиге чейин эл батпайт. Ошондуктан кимиси бандит, кимиси карапайым жан экени оңой менен билинбейт.

Профессор кафеге башбагып, түз эле барменге келип сурады:

– Чечен кайда?

– Ким издебатат аны?

– Угро эмес, – деди Профессор жылмайып.

Бармен жалпы залдан бөлүнгөн кабиналардын бирине кирип, кайра чыкты:

– Чечен күтүп жатат.

Профессор кабинага кирип, бир кыргыз, эки чеченди көрдү, чай ичип отургандай.

– Салоом-алейкумдар, – деди Профессор саламды жалпы айтып.

– Алейкума-салам – Чечен деген кыргыз ушул го, ошол жооп берди. -Ии, менде эмне жумушуң бар эле?

– Отуруп айтчу жумуш, – деди Профессор.

– Отур.

Профессор ага катар отуруп үчөөнү кезеги менен бирден карап өттү.

– Чечен сенсиңби?

– Мен экемин, анан?

– А бул Боевикпи? – деди Профессор төр жакта отурган отуздардан өтүп калган арыгыраак чеченди көрсөтүп.

Боевик кыргызча билбейт эле, өз кличкасын угуп, кулак түрө калды да, Чеченге кайрылды, орусча шыр сүйлөйт экен:

– Бул немеге эмне керек экен, ыя?

– Эй, эмне керек экенин айтпайсыңбы, – деди Чечен Профессорго.

– Айтайын, – деди Профессор орусчалап, ал тилди суудай билчү, – үнүңөргө караганда мени жактырбай жатат окшойсуңар. Ким келгенин, эмнеге келгенин билбей туруп антүү жигиттикке жатпайт. -Профессор тайманбай да, кекерлүү да сүйлөгөндөй болду. Тигилер «ии, угалычы» дегендей аны тиктеп калышты.

Профессор сөзүн улады:

– Адегенде мен силерден сурайынчы, «Аталык» менен «Четин-ойл» заправкаларынын кожоюндарын шоопурлары менен, «Бейпил» ресторанынын кожоюну менен, «Бозой» фирмасынын гендиректири, «Бейиш» казиносунун коопсуздук кызматынын үч жигитин кимдер жайлаган, билесиңерби?

Булардын баарын Боевиктин тобу жайлаган эле. Биринин да бети ачылган эмес. Казинонун үч жигитин атышканда учук уланып шаардык угронун балдары дурус иштеп жатышты эле, бир күнү ал иш кан буугандай токтогон. Чечен алардын начальнигине бир таңгак доллар берип баскан. Мурун экөө чогуу иштешкен эмеспи.. .

Үчөө Профессордун суроосун угуп, баарын сопсонун түшүнүштү. Боевик сүйлөдү:

– Анан дагы эмне дейсиң?!

– Мен сураганыма жооп алгандан кийин калганын айтамын.

Боевиктин өңү бузулуп, каны кайнай түштү:

– Келген себебиңди айтпайсыңбы, ыя?!

– Базарга экинчи барбагыла.

– Барсакчы.

– Барсаңарбы?.. Барсаңар экинчи ал жактан кайтпай каласыңар деп айттырды Ром.

Ром жөнүндө булар жакшы эле угушкан. Бирок андан коркуп эмне деген ойлору бар эле.

– Ром бизге ата бекен?! – деди Боевик. -Кай жерге барышты же барбашты өзүбүз чечебиз. Мына мен чечем, – ал төшүн кагып койду. – Айтып бар Ромуңа. А сен ушинтип дагы бир келсең, түз эле моргго алып кетишет, жанагы өзүң санагандарга кошулуп силерди кимдер жайлаган деп сурап алганга жакшы болот. Түшүнүктүү айттымбы?!

– Өмүрүңдү бүтүрө айттың, – деди Профессор. -Өз убалың өзүңө!

Боевик ордунан обдулмакчы болгондо кабинанын көшөгөсү шарт ачылып кара көз айнек тагынган, кара шапке, узун чачтуу экөө кирип келип, бел курчоодогу тумшугу узун тапанчалары менен төртөөнү эки сыйрадан басып-басып алып, шашпай чыгып кетишти. Глушителдүү тапанчанын үнү зал жаңырткан бака-шакалуу ырдан угулган да жок. Бир ыргагы менен кошо кетти. Ошондон эки-үч мүнөт өткөндө канга боелгон Чечен полду кызылала кылып сойлоп чыгып, бийлеп жаткандардын жүрөгүн түшүрдү. Дагы он беш мүнөттөн кийин «Тез жардам» менен милийсанын сиреналары эгиз чыгып, бу жерге жетип келишти.. .

Жанагы атып кеткен экөө кафеден чыгып, түптүз эле нараакта токтоп турган иномаркага барып, экөө эки жактан чыкты, рулда жана жанында отургандар шылк-шылк эте түштү. Булар дал башка бирден эле ок жешти. Профессорду акмалап отурган жигиттери болчу. Узун чач экөө жай басып элге аралашты.

Эртеси милициянын берген кабарлары боюнча эки банда беттешип, үчөө өлүп, үчөө оор жаракат алып ооруканада жатат. Кайсы банда, өлгөндөр менен жарадар болгондор кимдер экени айтылбайт.

Аныгы мындай эле: эч кандай эки банда беттешкен жок, аткандар Макан менен Мирбек, өлгөндөрү Боевиктин жигити – анын эжесинин уулу жана Профессордун эки жигити, жарадарлар Профессор, Чечен жана Боевик болчу – үчөөнүн абалы оор, ок башка, көкүрөккө тийген.

Ром окуяны эртеси укту, укканда да ички иштер министрлигиндеги ишенимдүү адамынан укту. Шашылыш түрдө ишенген беш мыкты жигитин чогултуп кайра эч нерсе айтпастан таратып жиберди. Азырынча дымый туруш керек. Профессор айыгып кетсе баарын айтып берет, чараны ошондо көрбөйбү. Айтып берсе дейт да, эгерде аны катуу суракка алып «мени Ром жиберди эле» деген сөз оозунан чыгып кетсечи. Анда балээ башталганы ошол. Араң эле турган министр «фас» десе оңбой калышы бар.. . Ром ушуну ойлоп кайра эзилди. Анан бир чечимге келип, кнопка басып, секретарын чакырып, Тайбас деген бир жигитин тез келүүсүн буюрду.

Жарым саат өтпөй Тайбасы анын маңдайында турду.

– Профессордун абалын билдиңби? – деди Ром солдаттай зыңкыя каткан жигитине.

– Абалы оор экен.. . Буюрса, айыгып кетет го.. . Азыр эсине келе элек.

Ром жигитти теше тиктеп заардуу, бирок үнүн акырын чыгарып минтти:

– Эсине келбесин! Түшүндүңбү?!

Ромдун жигиттери ал айткан сөздү дароо түшүнөт, кайрылып суроо бербейт. Бу да түшүндү.

Ошол эле түнү Профессордун денесинде калган окту алып чыгуу үчүн операцияга даярдап жаткан врачтын өзү сестрасын бир ишке чегип коюп жарадардын жанында беш мүнөткө турду да, сырткы бөлмөдө операция жасоочу жабдыктарды дайындап жаткан сестрага айтты:

– Болбой калыптыр. Моргго даярдагыла.

Врач жасалма дем алдырчу түтүктү сууруп, Профессордун оозу-мурдун азга кысып, тынчытып, кайра түтүгүн ордуна сайган. Дагы бир тың бандиттин күнү бүттү ошентип.. .

***

Боевик менен Чечендин абалы оор болчу.. . Алардын өмүрү үчүн врачтар жакшы аракет кылышты. Бөтөнчө Мясник Братишка экөө келип, бул оорукананын башкы врачына тутам доллар карматып, аздап коркуткандай сөз айтып кеткенден кийин жанынан врачтар үзүлгөн жок. Эки күн өткөндөн кийин көздөгөн немелер биротоло түбүнө жетпесин дегенди кеч ойлонгон Мясник менен Братишка жарадарлардын жанында кезектешип күнү-түнү болууга укук алышты. Мунун баарын Боевиктин бандасындагы тууганы сырттан көзөмөлдөдү. Өзү ооруканага келген жок..

Бир күнү ооруканага эки чечен келди. Мясникти табышты. Алар бир топ күчтүү жалаң чечендерден турган топтун лидерлери эле. Боевиктин тобу жөнүндө көп угушчу. Бирок аларга тийиштик кылчу эмес, кан тартып, тийишмек турсун, керек болсо жардам беришке даяр эле. Келген экөө Мясниктен сураштырып, буларга ким кол салганын сурашты эле, ал билбестигин айтты. Профессор жөнүндө уккан да эмес. Үч-төрт күндөн кийин Боевик менен Чечен эстерине келе баштаганда милийсадан келип сурагын баштады. Алар оңчулуктуу жооп ала албай бүгүн болду дегендей кылып кетери менен баягы эки чечен Боевикке келишти. Ал Ромдун атынан бирөө келгенин, аны ошол эле жерден атып салайын дегенче болбой эки неме келип эстерине келтирбей атып кеткенин айтып берди.

– Аа, Ром дечи, – деди келген чечендердин бири, – жалгыз падыша болоюн деген экен да, энеңди! Аны өлүк деп кой.

Эки чечен Боевикке коштошуп кеткенде түн кирип калган. Палатадагы экинчи керебетте Мясник жатат. Жанатан бери өзү менен карта ойноп отуруп, эми эле жантайган. Аңгыча палатанын эшиги шарт ачылып, спорттук күрмө кийип бирден сумка асынган экөө кирип келип Боевик менен Мясникти коркконго үлгүртпөй атып салышты. Экөөнүн чекесинен кан жая берди, жаткан жерлеринен эч кыйналбай жан беришти. Экөө тапанчаларын сумкаларына салып, сыртка чыккан эшикти жаап, коңшу палатага кирип кетишип, бат эле чыгышты. Алар кеткенден кийин ошол палатага кирген сестра купкуу болуп үнү чыгып-чыкпай кыйкырды:

– Өлтүрүп кетишиптир.. . Ал өлүк дагы эле оор абалдагы Чечендин өлүгү эле.. .

Бат эле бу жерге милициядан келишти. Өлүктөрдү наркы-терки карап, сестраны, дежур врачты сураган болуп, бат эле кетип калышты.

– Кайтарыш керек эле, – деди опер жигиттердин бири.

– Аны сенден сураган эмес, – деди алардын бири, кебетеси чоңу го, – ар бир бандитти кайтара берсек кайсы бирине түтөбүз.

«Жарадар бандиттерди кайтарабызбы?» деген суроону булардын начальниги дагы бир жогорку начальникке бергенде: «Кайтарышып алышат, киришпегиле» деп койгон.. . ушундай сыр.

***

Боевикке жан тарткан эки чечен эртеси укту Боевик менен Чеченди атып кетишкенин.

Ошол эле күнү чечендердин ошол биртоп күчтүү бандасы Ромго согуш жарыялап турду.. . Алардын өзүнө согуш ачканын Ром эки күндөн кийин укту.

Боевик «мындан ары мага төлөйсүң» деп барып Мясниктерге кабыргасын сындырткан баягы чоң базар башчысына эми бу чечендер бандасынын эки өкүлү барып: «Мындан ары силерге «крыша» болчу мына биз болобуз, Ром дегенди унуткула» деди бири. Экинчиси чыгып баратып айтты: «Ром деген козелуңду жок деп койгула, түшүндүңбү?!» «Түшүндүм» деди өң-алеттен кеткен базар башы. Жаңы эле ооруканадан чыккан неме өзү эле араң турган эмеспи. Тигилер кетери менен машинасын айдатып, түз эле Ромго келди. Кабылдамасында жарым саат отургандан кийин Ром аны өзүнө чакыртты. Ромду ушуну менен экинчи жолу көрүшү. Чочуп, коркуп кирди эле, Ром:

– Ии, келиңиз. Ишиңиз жакшыбы? – дегенде өзүн жеңил сезгенсип калды.

– Ии, жүрүп жатат, – деди базар башы, – бирок.. .

– Ии?

– Бири келип кабыргамды сындырып кетти эле, бүгүн да бирөөлөрү келип «крышаң» мындан ары бизбиз деп кетишти. Алар кетери менен биякка жөнөдүм.

– Ким деген немелер экен аларыңыз?

– Ким экенин айтышкан жок. Чечендер экен экөө тең.

– Кимсиңер деп сурабайт белеңиз?

– Сураганга батынбадым, – деди тиги чынын айтып.

– Дагы эмне дешти?

– Мындан ары Ром дегенди унуткула дейт.. . Анан дагы.. . – Базар башы андан ары айталбай тартынып турду.

Муну дароо байкаган Ром:

– Жашырбай айта бериңиз, – деди.

– Ромду жашатпайбыз дегендей айтты бири.. .

Ромдун сыртынан билинбегени менен ичинен бир селт этип алды. Базар башына:

– Кете бериңиз. Камсанабай иштеңиз, – деп өзүнчө кыжырданып күбүрөдү: – Ким жашабайт экенин көрсөтпөсөм элеби.. .

Бекен бир жумадан бери санаа менен жашап жатат. Макан кеткенден эки күн өткөндө ал барчу санаторийдин чоңу – орус досуна телефон чалып, Макандын бара элегин укту. Күндө чалат. Макандан кабар жок. «Келелек» дейт орус досу.. .

Бекен дал ошол Маканды ойлоп, мындайда ойго келе берчү өлүм баштаган жамандыктар көкүрөгүнө толуп, көңүлдүн ишмалдасы чыгып, сыздап отурган.

Чөнтөк телефону обон сала чакырды, столунда эле. Аны көңүлсүз алып:

– Алло, – деди. Анын өңү дароо өзгөрүлө түштү, кызара кеткендей болду. Алеп-жалеп болуп кете таштады.

– Кайдан?.. Жинди болубатса.. . Макул, жөнөдүм.

Бул чалган Макан эле. Кезигишчү жерди айткан.

Бекен дароо машинасына отуруп, Макан болжогон жерге келди. Шаардын кымкуут түшкөн базарларынын бириндеги эл батпаган чайканада Макан менен Мирбек чай ичип отурушкан. Үчөө кучакташа көрүшүп, кайрадан чайга киришти. Бекен куюлган чайды колго алып, бир ууртаган болду да Маканды жемеге алды:

– Он күн бою ичкен тамакты аш кылбай кайда жүрдүң? Бу сен жаш бала эмессиң да. «Крышаң» кеткенден соосуңбу деги?!

– «Крышам» кетсе Байкалыңа түптүз бармакмын.. . Болуптур эми, аны коюп өзүңдү айтчы, ишиң жакшы элеби?

– Жакшы эле.. .

– Нестандан кабар барбы?

– Милийса да, менин эки балам да издеп жатат. Азырынча табыша элек. Ар бир айылды аңтарып жүрүшөт.

Ушул бойдон Нестан жөнүндө сүйлөнгөн жок. Макан эмне үчүн кетип баратып кайра тартканын, Мирбек экөө эмне кылганын Бекенге төкпөй-чачпай айтып берди. Бекен ал жөнүндө уга элек экен, санаасы ого бетер күчөдү. Эми алар Макан досунун артынан накта түшөрүн, Ром акыры бир күн аны өлтүрүп тынарын ойлоду. Бирок бир нерсени – Профессор өлгөндөн кийин Ром Макан жөнүндө билбегенин, эми Ром чечен бандасы менен кандуу согушта экенин билген жок. Маканды кантип коргоп калам деген ою көкүрөгүн эзип турду, эч акыл таба албай жаналакетте эле.. .

***

Ошондон үч күн өткөндөн кийин Бекен келди жүзү жайнай. Макан Мирбектин үйүндө туруп аткан. Шаардын борбордук бөлүгү деп эсептелгени болбосо Мирбектин үйү буйтку өңдөнгөн ызы-чуусу аз жерде. Тыпырайган төрт бөлмөлүү там. Чакан бак-шагы бар. Короодо дагы эки бөлмө, гараж. Макан да, Мирбек да ошол үч күндөн бери үйдөн чыгышкан эмес. Чыкпагыла деп какшаган да Бекен болчу.

Ал үмүттүү жакшы кабар менен келген. Бүгүн баягы раймилициянын начальниги чалыптыр, «издеген кызыңарга окшогон кыз табылып жатат, бирок ошолбу, же башкабы билбейм, өзүңөр барып көргүлө» деп. Бул кабарды уккан токтоо жигит деген сыпаттамасы бар Макан алеп-жалеп болуп, дароо «кеттик» дегенин айтып шаштырды.

Бекендин машинасына түшүп түз эле шаарга туташ кеткен райборборго – милийсанын начальнигине келишти. Ага токтоосуз кирип, ал-абал сурашкандан кийин, ал бир милийсасын чакыртты. Жаш старшина экен, айтып турду:

– Кулан деген ошол кыздын күйөөсү айткан, талааны аралап батышты көздөй кетиптир деп. Ошол тараптагы бардык айылдарды кыдырдык, талаада иш бүтүп калбадыбы, бирин-серин жүргөндөрдөн сураштырдык. Анан бир алачыкка барсак жалданып иштеген эки неме бар экен. Экөө тең мас. Баары казылып, жыйналып бүтүптүр, бу жерде эмне жатасыңар десек «барар жерибиз жок, кар түшкөнчө ушул жерде жашап турабыз» дейт. Кызды сурадык. «Баягыда бир оорукчан кыз келген, анан аны кожоюн дунган салып кеткен» дейт, «вагону бар анын» дейт. Аны издеп тапсак дунган жок экен, бир кыз бар экен, таптакыр сүйлөбөй койду. Атың Нестанбы деп сурасак да айтпайт. Сөзүбүздү укпагандай.. . ошол.

Ошол, – деди начальник тигинин сөзүнөн кийин Бекендерге, – дароо эле сага чалбадымбы.

Бекен менен Макан аябай шашты. Вагон кай жерде экенин старшинадан сурап алышып, начальникке чала-була рахматын айтып, Мирбек үчөө жөнөп болбой калышты эле, начальник жанагы старшинасын кошуп берди. Ошондон бир саат өтпөй айткан вагонду табышты. Эшиги ичинен илинүү. Сыртта «Жигули» турат. Демек дунган ичинде экен да. Макандын өңү кумсарып турганын Бекен байкады:

– Маке, ага тийбе, – деди, – бизге Нестандын табылганы эсеп да, уктуңбу?

Макан жооп бербей эшикти дагы какты.

Биртопко барып ичкериден үн чыкты:

– Бу ким?

– Милиция! – деди Макан кыжырдуу.

Эшик ачылып, босогодон дунган көрүндү, спорттук шым кийип, майкечен.

Макан дунганды бийик вагон жерге ыргыта жулкуп, ичкери кирип, төркү бөлмөгө өттү. Дивандагы төшөктө бирөө чүмкөнүп жатат.

Макан төшөк сыртынан анын ийнинен акырын тартты:

– Нестан.. . биз келдик.. . Нестан.

Тиги ого бетер чүмкөнөт. Аңгыча беркилер кирди.

– Нестан, тур, турагой. – Бекен акырын төшөк тартты. Жаткандын башы көрүндү. Кызыл-күрөң боелгон чач.

– Силерге эмне керек, – деди тиги неме ары караган боюнча. Бекен аны бери оодарып жиберди, башка неме экен.

Баары шалдая калышты эле, старшина айтты:

– Бу кыз эмес болчу.

Баары сыртка чыгып, жүрөгү түшүп орундукта отурган дунганга барышты. Макан анын маңдайына келип, ээктен мыкчый кармады:

– Нестан кайда?!

Дунган калтырайт, Макан ээгин кое берди эле:

– Ал ким? – деди.

– Сен бул жерде алып жүргөн кыз кайда?! – Макан анын жообун күтпөй тумшуктан ары-берип калды эле, ушунчалык күч менен урулган экен дунгандын башы жөлөнүп турган вагонго катуу тийип, шалак этип ошол эле жерге оонап калды. Бекен менен Мирбек Маканды кармап калбаганда дунгандын күнү дал ушул жерде бүтмөк. Бул эки досу кармабай, башка бирөөлөр ажыратканда Макан аларды кошуп жайламак, ачуусу, кыжыры ушунча эле! Аздан соң дунган ордунан оонай туруп, бүжүрөдү:

– Ал кыздын атын билбейм.. . Айткан эмес.. . Сүйлөгөн эмес.. .

– Кайда ал, кайда дейм?! Макан кайра жулунду.

Дунган артка кетенчиктейт:

– Досум алып кеткен.. . Шаарга алып кеткен.

– Кеттик! – деди Макан.

Дунганды дыргаяктата сүйрөп өз машинасына салышты, рулга старшина отурду.

Эки машина алеки саатта шаар аралап, дунган айткан үйдүн дарбазасын кагышты. Үч-төрт мүнөттөн кийин спорттук күрмө кийген, кырктардан өткөн, эттүү дунган чыгып, тургандарды суроолуу карап, досунун кейпин көрө артка кетенчиктеп, дунганча бирдеме деди эле, мунусу да дунганча жооп кайтарды. Аларды күтпөй беркилер короого киришти. Ошо кезде үй ээси дунган үйүнө чуркай кирип, кайра мылтык сундура чыкты:

– Кеткиле, атып салам баарыңды!

Андан үч-төрт метрче обочо турган Макан илбирстей секирип, дунганды мылтык-сылтыгы менен басып жыгылды. Берки дунган дарбазаны көздөй качмакчы болду эле Мирбектин муштуму аны жерге сулатты. Старшина дарбазаны ичинен беките салды. Макан үй ээсинин мылтыгын бетон төшөлгөн жерге бырын-чырынын чыгара чаап, догурунабы же коркуппу жаткан немени эки ирет өзөртө тээп үйгө кирди. Бекендер короодо эки дунганды акмалап калышты. Укмуштуудай жасалгаланган килейген бөлмөдөгү чоң диванда Нестан отурат, жылаңач. Карп-күрп кирип келген Маканды көрүп делдейе тиктеди, анан одеял тартып кымтыланган болду.

– Нестан, мен келдим.. . мен сага келдим.. . – Макандын оозунан мындан ашык сөз чыкпай айласы кетет.

Нестан аны бурулуп карай берди, жылмайгандай болот. Анан ого бетер кымтыланат.

– Ме, кийинчи.. . – Макан креслодо жаткан анын кийимдерин алып, тигинин төшөгүнө таштады, мен чыгып турайын, кийинип тур.. .

– Макан сыртка чыгып Бекенге айтты:

– Үйдө экен. Кийинип жатат. – Анан бүрүшүп, чөктүшө отурган эки дунганды көрүп: – Буларды эмне кылабыз? – деп жообун кайра өзү берди: – Эсинен кеткис кылып кетиш керек!

– Жетер, тийбей эле коелу, – деди Бекен.

– Тийбейм. – Макан эки жакты карап, огород тарапка басты. Ал жактагы туалетти таап, эшигин ачты. Жыгачтан жасалыптыр, ичи кенен.

Макан короого кайра келип, эмерек койчу чакан үйгө кирип балта, мык суургуч көтөрүп чыкты да эки дунганды айдап, туалетке алпарды.

– Бузгула!

Эки дунган бул эмне дегени деп делдейе калышты эле, Макан «Бузгула дейм!» деп үй ээси дунганды дал табарсыкка тепти эле ал бир бакырып бүк түштү. Берки дунган балтаны алып, жанталаша туалетти талкалап кирди. Берки неме аздан соң ордунан теңселе туруп ишмалдасы чыккан аласын эки колдоп мыкчылайт.

– Ме, буз! – Макан ага мык сууругучту карматты.

Эки дунган туалеттин тамтыгын чыгара бузду, заң түшчү ороонун үстүндөгү тактайлар калды эле аны да алдырды Макан. Сасык жыт каптап кетти. Эми эмне кылар экен деп жүрөктөрү түшкөн эки дунган биринин артынан экинчиси оголе терең казылган аңга чалп-чалп эте учуп түштү. Макан ыргыта-ыргыта койгон. Кудай анын бетин нары кылсын, экөө бирден чумкуп кайра турушту, ийинден келет экен.

Маканды кой дей албай турган берки үчөө кайра ырас болду дегендей ойдо эле.

Макан бурула берип көйнөгүнүн үстүнө спорттук күрмө кийген Нестанды көрдү. Узун чачы кесе берилип, түп жагынан байланган. Тиктеп туруп калган Макандын жанына келип, эч нерсе айтпастан шынаарлап туруп калды. Макан аны колдон алды:

Жүрү, Нестан, кетели.. .

***

Бу кезде Ром менен чечен тобу бирин-бири жок кылуунун үстүндө эле. Базар башы «Ромуңду жок кылабыз» маанисинде чечендер келип айтып, коркутуп кетти дегенден кийин Ром өзүнө жакын ишенимдүү жигиттерин чакырып, болгон ишти айтып, чечендердин тобун бирин калтырбай эсебин тапкыла деп катуу буйрук берди да, өзү Турцияны көздөй бир фирмасынын иши боюнча кеттим кылып учуп кетти. Кийин бирдеме болсо «мен жок болчумун, эч нерсе билбейм» дегенине жакшы. Экинчиден иш өтө ырбап баратса ал жактан биротоло келбей койуга да болот. Бул жактагы бүткүл кримчарбасын – фирмаларын, заправкаларын көзөмөлдөп, «крышалап» тургандардан акчаны убагында алып турчу өтө ишенимдүү жигиттери бар.

Ром учуп кеткенден эки күн өтпөй анын башкы офисинин биринчи кабатындагы эки бөлмө жарылып, өрттөнүп кетти. Бул эки бөлмөнүн биринде коопсуздук кызматынын балдары эс алчу, экинчиси фирмада иштегендер кофе ууртап эс алып, телевизор көрүп, гезит-журнал окучу чоң бөлмө эле. Таңкы төрттөрдө граната ыргытышты, эки бөлмөгө экини. Биринчи бөлмөдө коопсуздук кызматынын эки жигити уктап жаткан. Алар граната жарылганда атып турушту. Өздөрү эч нерсе болгон жок, анткени бөлмөнүн бир жагында ар нерсе салчу ушул шкаф менен килейген эки сейф бар болчу. Бул сейфтер эмне үчүн турганын эч ким билчү эмес. Ошолордун далдасындагы жапыз эки тапчанда укташчу күзөттө кезектешип тургандар. Экөө ыргып туруп, бөлмөнүн бир жагы өрттөнүп жатканын көрүштү. Ал аңгыча дагы жарылуу болду. Бул коңшу эс алчу бөлмөгө ыргытылган граната эле. Тез эле өрт өчүргүчтөр жетип келди. Бирок бөлмөлөрдөгү күйүүгө жарактуунун баары күйүп кетти.. .

Бул чечендердин биринчи эскертүүсү эле. Ромдун жигиттери аны жакшы түшүнүштү, эскертүүнү кабыл алды. Ошонун эртеси чечен тобунун беш-алты мүчөсү чогулган шаарга жанаша уланган айылдагы бир үйүнө төрт машина менен келген Ромдун ондон ашык жигити кашкарайганда барып чечендердин бирин калтырбай кырып кетти. Эми чечендер өлбөгөн жерде калышмак. Алардын анабашы өзү башында туруп, таламандын тал түшүндө Ромдун башкы офисине кол салышты. Келгендер жыйырмадай эле, үчөө автоматчан, калгандарында бирден-экиден тапанча. Офистегилер сак турушкан. Кырк бешинчи жылы орустар Рейхстагды алгандай алаамат болду. Кыргын кызып калганда милийсанын атайын отряды келип басты. Ана эмесе, кимди ким көрдү! Эки сааттай созулган бул алааматта чечен тараптан бешөө, Ромдукунан сегиз адам окко учту, ончакты милийса жарадар болушту. Ар тараптан үч-төрттөн колго түшүп калгандар качып кетишти.

Таламандын талтүшүндө шаардын борбордук жеринде болгон бул кандуу согуш элдин үрөйүн учурду.

Бул ишти тескөөнү генпрокурор менен милийса министри өз колдоруна алышты.. .

Ром болсо Турциянын бир курортунда бул жерден ала кеткен чүрөгүнүн койнунда жатып баарынан кабар алып турду. Бул кезде милийса министри атышкандардын алгачкы сурагы менен таанышып, Ромду жердин түбүнөн болсо да табууга буйрук берген.

Милийсанын бу жаңы министри ишинде таза жүргөн, курч жигит эле. Кээде оголе чоң кызматтагы адамдардын айткандарын айласыз жасаган кездери да болгон. Эми ал министр болгондон кийин ага чоңдордон эч ким кайрыла элек. Анын кежир экенин, башкаларга салыштырмалуу түз жүрөрүн баары билишет. Эпадам Акүйдөгү мен дегендердин иши чыкса баары бир кайрылмак, а азырынча болсо алардын иши чыга элек көрүнөт.

Ромдун Ак үйдө өтө чоң кызматтардагы тааныштары бар экени, Ром аларга тутам доллар берип турарын министр жакшы билет. Ромдо болсо кандай гана чоң болбосун укум-тукуму менен сатып алууга кудурети жетчү акчасы бар. Мына ошондой адамдар өлкөдө каалаганын жасап жатканына министрдин кыжыры келет. Мындан беш жыл мурун Ромду кармап, жоопко тартаарда мурунку министр ишти жаптырып салган. А кезде бул министр жаңы эле полковниктин погонун тагынып, шаардык милийса начальнигинин орун басары эле. Андан бери дагы эки кызматтын тузун татып, министр болгонуна аз эле убакыт болгон. Аз мурун жаркыраган генерал жылдызын тагынды.. . Ал шаардагы гана эмес бүтүндөй өлкөдөгү кримтопторду, алардын башчыларын беш колундай билет. Алардын баарын бир түндө кармап, торго тыгуу колунан келет. Бирок закондор ага жол бербейт. Бандиттер закон-паконуңду уруп ойнобой, билгенин кылат да, эмне закон болсо алардын да укугу бар дейт. Колунан кармаш керек, күнөөсүн далилдеш керек, мойунга коюш керек.. . толгон-токой керектердин азабынан бандиттериң каалагандай жойлоп жүрөт.. . Эмне болгон күндө да ашкере ашынып кеткен Ромдун эсебин табат, законсуз болсо да. Министр бул оюна бекем турду.. .

***

Нестанды Мирбектин үйүнө алып келишкен. Ошол эле замат таптаза мончо жагылып, Мирбектин аялы аны өз колу менен жуундуруп, өзүнүн мыкты кийимдеринен кийгизди. Экөө тең арыкчырай, бойлору да бир экен. Нестанга сонун кийим сонун жарашып, керемет кылып таштады. Жараткан берген жакшы сымбатты жакшы кийим периште кылып салат эмеспи. Тик карай алгыс периште болуп турду Нестан. Периште болгону менен илгерки жомоктогу сүйлөбөс сулуудай. Асты-үстүнө үйрүлгөн Мирбектин аялына да, Макандарга да кош көңүл. Анткен менен Маканды улам карап, аздап ыктап, жакынсынгандай. Оңдуу тамак да ичкен жок. Килейген түстүү телевизордон көзүн албай отурат. Караганы телевизор, анан кез-кези ага обочороок отурган Макан.. .

Эртеси Бекен атактуу бир профессор жаш жигитти алып келди. Бул жигит далай нерв ооруларды айыктырган, атактуу адамдардын бири. Эки этаждан турган менчик клиникасы бар. Бекен бул профессор менен дурус мамиледе болчу. Былтыр эле анын имаратын мыкты ремонттон өткөзүүгө жардам берген.. .

Профессор Нестандын жанында жарым сааттай болду. Ошондон соң сырттагы үйдө турган Макандарга чыгып минтти:

– Анча деле корко турган эч нерсе жок. Катуу коркуп, катуу капа болгон, экөө кошул-ташыл эсин кетирип салган тура. Муну убакыт деген нерсе гана айыктырат, анан, албетте, жакшы мамиле, жакшы тамак, көңүлүнө жаккан нерсени аткаруу керек. Эртең дары да ала келем. Аздап бериш керек. Балким клиникага алпарасыңар.

– Үйдөн эле карасаң жакшы болор эле, – деди Бекен.

– Мейли, үйдөн болсо үйдөн.

Профессор күндө эртең менен анан кечке жуук келет. Дарысын берет, Нестан менен сүйлөшөт. Макан болсо самап жүрүп колго тийген периштесинин жанынан чыккысы жок.. .

Профессор Нестанды карай баштагандан он күндөй өткөндө ал Маканга айтты:

– Маке, эми экөөңөр кыжы-кужусу жок бир эс алуучу жай таап, он, онбеш күндөй эс алып келсеңер Нестанга жакшы болор эле.

Макан жок демек беле, сүйүнүп макул дебейби. Бекен экөө кеңешип баягы барбай калган Байкалга бармай болду. Анан да булар менен Мирбек кошулуп эс алмай болду. Эс алып келсин деп Бекен айтты муну. «Эс алып кел» дегени менен Макан менен Нестанды чоочун жерде кайтарсын дегени эле. Бу жөнүндө Мирбек экөө Маканга билдиришкен жок. Нестанга кийим алынды. Ал биринчи жолу Мирбектин аялы менен көчөдө элеңдеп коркпой басып, чоң базарга барышты. Күн суук тартып калган. Үч күн мурун алгачкы кар түшүп ал дароо эрип кеткен эле. Макан экөөнүн артынан кайтара басат. Базарды көпкө кыдырып, Нестанга эки-үч сыйра кийим алышты. Алганда да мен деп титирегендерден алышты. Бекен берип турган акча Макан үчүн коротуп бүткүстөй акча эле да.

Жомоктогудай кийинтишти Нестанды. Мирбектин аялы улам бир Нестан өңүндө эмес түшүндө көрбөгөн кийимдерди көрсөтүп: «жагабы» дейт, тиги баш ийкейт. Жакпайт деген кийими болбоду. Кантип айтмак, өмүрү кийим тандап көрбөсө.. .

Нестан үйдө дарыланып жатканда Макан менен Бекен үйгө сүрөтчү алышып тарттырып, үч-төрт күндүн ичинде паспорт алып беришти. Акчанын, тааныштын күчү менен туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү жок эле алышты. Бир адреске каттатып да ташташкан.

Ошентип үчөө поездге отуруп Иркутскиге жөнөп кетишти. Макан биринчи жолу жөнөгөндө өзүнө билинбей аны ажал акмалап баратты эле, бу жолу өмүрү бейпил болчу.. .

Кырылыштан аман калган Ромдун жигиттери менен чечен тобундагылар эки жумача дымып, анан кайра кырчылдашканга өттү. Ромдун бандасы басымдуу болчу. Анткени Ромдун ишенимине кирип, ага түз кирип көп сырына ортомчу болгон беш-алты жигитинин ар биринде 20-30дан бандити бар эле. Чечендер тобу башаягы жыйырмадай. Бирок булар көздөгөнүн аткармайын кайра тартпаган немелер болгондуктан, биротоло тирешип алдырбай турушту. Анан алардын тобу чогулган борбордон алтымыш чакырымдай жердеги чакан шаардагы үйдү Ромдун элүүдөй жигити караңгы түндө курчоого алып, кырып салып кетти. Подвалга жашынган банда башчысы бир жигити менен атышып жатып аман калып түнү менен Казакстанга качты. Ал жактагы байланыштарынан жардам сурамак. Анан бир аз дымып жатып Ромдун түбүнө жетмек болду.

Бул кыргынды уккан милийса келип, изилдеген болуп өлүктөрдү сүрөткө тартып, кылмыш ишин козгоп иш жүргүзгөн болот. Бирок сегиз чечен менен үч кыргыздын өлүгүн көрүп, бу бирин-бири кырган бандиттерге сооп болду дегендей. Ромдун отко айдаса – отко, бокко айдаса – бокко бара берчү өзү да тааныбаган жигиттеринен да ончактысы кармалып сурак бере башташты. Алардын бири да Ромду оозуна алышкан жок.. . Анын ишенимдүү орун басарларынан бири да камалган жок, окко учпады. Алар куурчактардын жибин тартып көмүскөдө турат эмеспи.. .

Канткен күндө да өткөн окуялар кримдүйнөдө Ромдун баркын бир аз түшүрүп таштагандай болду. Жаңы бандалардын улам бири: «Ромуңду уруп койбойбуз» деп ал көзөмөлдөгөн кээ бир жерлердин ээлерине көргүлүктү көрсөтүп жатышты. Ромдун алдында «чоң казат» эми гана башталганы тургандай эле.. .

***

Ромдун оң колдорунун бири Эркин деген өтө кайраттуу, кримдүйнөдө туулгандай анын сырларын мыкты билген жигит эле. Мына ошол жигит Турцияга учуп барып Ромго болгон иштерди көзмө-көз айтып берип, тапшырма алып кайтты. Ошол тапшырмалардын негизгиси – шаардын бир-эки жеринде жардырууну уюштуруп, бу террористтердин кылганы деп чуу чыгарып милийса көңүлүн ошол жакка бурдуруу, анан да мамлекеттин эмес, кримдүйнөнүн заңзаконун билбеген, билгиси келбеген бандалардын ичинен ашынган экөөнү бири-бири менен кагыштырып кыргын салуу.

Эркин кайтып келип бул эки негизги тапшырманы бир эле жуманын ичинде аткарып салды. Бу кымгуут заманда аларды аткарууга көп деле мээнин кереги жок болчу.

Бу борбор шаардын тоо жагындагы айылда аскер бөлүгү бар. Кримдүйнөнүн көпчүлүгү ошол жактан куралданып турат. Эркиндин эки жигити ошол бөлүктө кызмат кылган бир кыржыйган прапорщикти таап, андан жардыргыч алышты. Аны кандай жардырыш керегин билген армияда кызмат өтөп келген балдар Ромдо жетишерлик эле. Мына ошолор жардыргыч салынган эски «Москвичти» жардырышты. Бири дал ички иштер министрлигинин жанында кечке жуук жарылды. Зыян тарткан адам болгон жок.

Экинчи машина бир чет өлкөнүн посольствосунун жанынан жарылды. Бу жолу көчөдө өтүп бараткан эки адам өлүп, ончактысы жаракат алды.. .

Эки банда да ошол жумада бири-бирине кыргын салышты. Мурун прокуратурада иштеп, айдалып кетип банда түзгөн «Прокурордун» бандасы менен мурунку спортсмендерден турган күчтүү бандасы эле. Бул эки банданын кагылышын Эркин оңой эле уюштурду. Спортсмендер «крышалаган» бир казиного Эркин жиберген беш-алты жигит куралдана барып эми силер бизге – Прокурорго төлөйсүңөр деп аны башкарган орусту көгала тепкилеп кетишти. Ошол эле жигиттер шаар четиндеги күнү-түнү тынбай иштечү заправкага барып мындан ары бизге-спортсмендерге төлөйсүңөр деп операторду кайтарган немеси экөөнү чалажан кылып терезелерин талкалап баса беришти. Бул заправка «Прокурорго» төлөчү.

Эртеси эле эки банда шаар четиндеги бакта беттешти, териштиришмек, бирок териштирүүсү атышууга айланып, эки тараптан жети-сегизи өлүп, ондон ашыгы жарадар болду. Кан жакшы акты.

Сөзсүз да, бул окуялар бүтүндөй милийсанын, прокуратуранын бүт көңүлүн өзүнө бурганы менен башка иштер унутулган жок. Алардын ичинде Ромдун иши да бар эле.. .

***

Баягы Нестан жок, аздап кепке келип, көңүлү ачылып бул жарыкчылыктын сонундарына аздап сонуркап баратат. Макан дагы жанынан жарым карыш чыккысы жок. Андан кымырына-кымтыла уялганы күчөйт. Тике карай албай, аны менен сүйлөшкөндө үнү калтырай чыгат. Өмүр бою Маканды күтүп жүргөндөй. Сүйүү кандай болорун ойлобойт. Ушул жанынан чыкпаган Макандын жүрөгү менен өзүнүн жүрөгү катарлаша сокконун, анын демин сезет. Анын ар кыймылы, ар сөзү, бөтөнчө назик кучактап өөп жатып «алтыным менин» дегени жанын жан чыдагыс эритип салат. Эркектин жыты эсинен тандыра жаздайт, зордукталганда, Кулан менен эки дунган төшөктө жулмалаганда көрбөгөн, билбеген сезим келет, кумары ойгонот. Жашоо укмуш сонун тура. Маканы бар үчүн сонун тура. Эч качан Маканынын жанынан чыкпайт. Чыгарбаса экен Маканы өз жанынан, таштап салып бир жактарга кетип калбаса экен. Жүрөгү шуу эте түшөт. Кынала калат, кучактай жаздайт өзү баштап, кайра уяла кетет.. .

Байкалдын жээгиндеги санаторийде үчөө сонун эс алып келишти. Эмне деген гана кооз токой, өмүрү көл эмес чоң дайра көрбөгөн Нестан катерге түшүп, сейилге чыкканын он өмүр сүрсө унутпас. Кооз жер, назик мамиле, мыкты кийимдер, эч көрбөгөн тамактар, поезддин жүрүшү.. . , баары, баары Нестан көтөрө албачу сонун нерселер, ажайып сезим эле. Ошол жакшылыкты көрбөй, жакшы сөздү укпай келген жүрөгү бул керемет күндү көтөрүп-көтөрө албай турду. Ага түстүү телевизордон көргөн кинолор, магнитофондон уккан мукам обондор кошулуп ажырымы жок жыргалга бөлөп салды.. . Ушуну кудай кут кылсын дегенди айтып жака кармап тобо келтире албайт Нестан. Андайды билбейт. Азыркы жыргалына тойбой турат, жыргап турат.. .

Макан Нестанды Мирбектин үйүнө он күндөн ашык кармады. Эки күндө бир ирет Мирбектин машинасын айдатып тоо таяна чыгып келет. Кар түшүп суук тартканы менен экөөнүн көңүлү жадырайт, жаз болуп, жай болуп. Бу жарыкчылыкта экөөнөн башка арзышкан жан жоктой эле. Маканга да, Нестанга да «мындан ары эмне кылабыз, кай күндү көрөбүз, бир бүлө болуп биригебизби, эмне кылып оокат кылабыз» сыяктуу тири адамдын башына келчү миң сан түйшүк илээшкен ой келбейт. Биринин болгону бирине жыргал. Нестанды го болуптур дейли, акылынан ажырай жаздап эми-эми гана адам катарына кошулгансыйт. Ал эми Маканчы? Кенедейинен тетик өсүп, баскан-турганы эмес, сезими да тетик жигит Нестанга берилүүдөн башканы ойлобой жатпайбы, ойлонгусу келбей эмес, өзүнөн өзү ошол жолдо баратат. Биртопторун тындырганын, кандай болгон күндө да колу кандуу болуп калганын ойлоп баш катырып санаасы сан болчу эле, анысын да унуттурду Нестандын жан чыдагыс илеби.. .

Бир күнү Нестанды жылуу кийиндирип алып көчөгө чыкты. Кыш келип калса да кары жок көчөлөрдөн басышат, экөөнөн башка кшии жок сыяктуу. Бир маалда Нестан Маканга жабыша түшүп, кубарып өңалеттен кетти.

Макан анын кебетесин көрүп чочуп кетти:

– Сага эмне болду, Нестан?!

Нестан жооп бербей Маканына корголойт. Бир жакты алая тиктейт. Макан караса жакалуу узун пальто, башына тумак кийген жоон-жолпу аял бирөө менен сүйлөшүп турат. Нестан аны накта жалаңкычты көргөндөй карайт.

– Андан эмне чочудуң?

Нестан дале унчукпайт. Ал аял Маканга да тааныштай сезилди. Жанындагы аялга оозу-оозуна тийбей бирдемелерди айтып жатат. Аны кайдан көрдү эле? Эстеди, Сонун эмеспи бу, эми Макандын каны кайнап кетти.

Алар менен катарлаша бергенде Макан дааналап караса Сонун эмес, ага окшош бирөө экен. Бир ирет көргөн Макан ажырата алмак эмес, сурап жатпайбы:

– Сиз Сонунсузбу? – деп.

– Жок, айланайын, – деп тиги аял тиги маектешине сөзүн улады. Нестан да көрдү анын Сонун эмес экенин. Бир ажалдан калгандай жеңилдеди.

Мирбек Маканга караганда шаардагы, дегеле бүтүндөй өлкөдөгү кримдүйнөдөн жакшы кабардар. Ошол дүйнөдө жашаган бир катар жигиттер менен мамилеси да бар. Мына ошол Мирбектин кебинен Макан Ромдун бандасы четинен талкаланып жатканын угуп кубанып турду. Өз баамында Профессор өлгөндөн кийин анын артынан сая түшкөн эч ким деле болбойт деген ойдо болду. Ром болсо Маканды тааныбайт дагы. Демек, өз өмүрүнөн чочулабаса деле болот. Ушул чечимге келген Макан Нестанды жанына алып, көптөн бери саксактап айдабай жүргөн машинасын айдап, баягы эрди-катын Касым менен Берметтин абалын билүүгө, анан аларды шылтоо кылып Нестанга жер көрсөтүп, көңүлүн көтөрүү эле.

Касымдын үйүнө бешим ченде жетишти. Бу чөлкөм тоолуу аймакта жайгашкандыктан шаарга караганда кардуу, суук. Макан Касымдын эшик алдына келип, машинадан сигнал бере түштү. Анан Нестан экөө багажниктеги үч-төрт баштыктагы базарлыгын алып жатканда башына эски тумак чөкчөйгөн, шырмалчан Касым чыгып, буларды көрдү да Маканга чуркай жетип, кучактады. Айтыбайтарга сөз таппайт. Макан да сагынып калган экен, а да кучактайт тигинин сөөксаагын кычырата. Ал аңгыча Бермет чыкты. А дагы бир тууган инисин көргөндөй далбалактап Макандын мойнуна асыла өпкүлөп жатат. Эрди-катын экөө тең бу ким болуп кетти деп периште сындуу Нестанды карайт. «Келин бала эмеспи?» дегенди сурай албай турушту. Бака-шака үйгө киришти. Баары бир үйгө тыгылып, плитка сайып, ага жылынып, тамагын жасап, кыштан чыгат тура. Салынган печкасы деле бар экен, ага жагууга отун менен көмүр жок. Дасторкон салынып, нан коюлду, башка эч нерсе жок. Сүттөп чай куюлду. Касымдын энеси ого бетер карый түшүптүр. Маканга кайра-кайра кагылып-согулуп жатат. Макан бу бүлөнүн кезексиз айтылган кебин жакшы угуп, буларды билди: Касым да, Бермет да арагын таштаган бойдон ичпептир, быйыл түшүм начар, айдалган картошкасы үрөн менен жегенден ашпай калыптыр. Ичип жүрүп аз гана убакта кадыры таптакыр түшүп калган немелер бирөөлөрдөн жардам да алалышпайт эмеспи. Макандар ала келген базарлык дасторконго мол коюлуп, Касымдын бүлөсүнө той түштү, бөтөнчө анын уулкызы жыргады бейм.

Макан аккөңүл, бирөөнө жардам бергенден кадимкидей каниет алган неме Касымдын кой-айына көнбөй анын маңдайкы кошунасынан кой апкелишти. Далайдан бери эт салынбаган килейген казан асылып, от улуу жагылды. Ошол күнкү узун түн Касымдын бүлөсү үчүн улуу майрам эле, бакыт ушундай болот тура деп ойлоп коет Бермет байкуш.. .

Мирбек Нестандын тагдырын жакшы уккан. Аны зордуктаган айбанды, Кулан менен Сонундун кылыктарын жектеген. Ошону укканда эми жетип барып ит аткандай кылып атып салгысы да келген.

Макан менен Нестан айылдан кайтып келгенден эки күн өткөндө эми өз үйүндө жашырынбай эле жашай баштаган Маканга барып ал-абал сураган Мирбек кептен кеп чыгарып отуруп Нестанды кор кылган жанагы үчөөнө жетти сөзү.

– Аларды жөн койбойм, – деди ошондо Макан тиштене, – кылган айбанчылыктарын эки эселеп өз баштарына алып келбесем элеби.

– Мен дал ушуну айтайын деп жатпадым беле. Ал ишти мага бер, Маке, – деди Мирбек өтүнүп. Сөзсүз аларды жазалайм деп ойлоп койгон эмеспи.

– Эмне кылайын дейсиң?

– Азыр айтып отурбайын. Жасагандан кийин угарсың.

– Макулмун. Бирок өмүрлөрүн өздөрүнө калтыр, – деди Макан.

– Өмүрүн эмне кылайын, бирок эсинен кетпегендей кылам. Өлтүрүп жакшылык кыла албайм аларга.

Ушуну менен сөз бүттү.

Сонун норка тумагын, аз мурун Кулан өз колу менен сатып берген кашемир деген пальтосун, кычыраган өтүгүн кийип шаарга барып бир ойсоктоп келмекке айылдагы аялдамада турат эле, бир аппак «Жигули» келип токтоп, рулдагы келишимдүү жигит эшигин ачып сылык сүйлөдү:

– Эжеке, ала кетейинби.. .

Аздап үшүй баштаган Сонун сүйүнүп кетти:

– Ырас болбодубу.. . – Сонун машинанын алдына отуруп, бу татына жигитти көз кыйыгы менен карап, жарашыктуу кийимине, өңүнө суктанып кетип баратат. Мындайда анын ою бир гана жерге барып такалат эмнегедир.. .

«Атаганат, ушундай жигиттин арзыган адамы болсо гана. Жаш да кетип баратат. Эми мындай жигиттердин жылуу кучагы буюрбайт го.. . Эмнеге буюрбайт экен, эмне өң десе өңү бар, сөз десе сөзү бар.. . Шалдыраган күйөөгө чыксам эле баамды төмөндөтпөйүнчү.. . » Сонундун ою улам тереңдеп отуруп бу жолдон көзүн албай тайгак жолдо машинасын зуулдаткан жигиттин койнунда балыктай туйлап балкыган абалына чейин элестеп жиберди. Денесине бир жагымдуу жылуулук, элирүү келди. Дал ошол маалда үн катпай келаткан жигит:

– Эжеке, сүйлөй отурбайсызбы? – деп аны карап жылмайды эле, Сонун шашып калып:

– Сендей татына жигитке сөз сүйлөш кыйын эмеспи, – деп оозуна келе калган сөздү айтты.

– Тескерисинче, сиздей келишимдүү аялзатына сөз айткандан коркуп баратам. Бир көргөндө эле татына келбетиңиз адамды суктандырып салат экен. Жомоктогу периштерелерден эмессизби?

Жигит ушул сөзү менен Сонундун мактоону сүйгөн мүнөзүнүн да үстүнөн түшпөдүбү, кудай берип эле салды. Өзүнөн сулуу, жаш кызды көргөндө итатайы тутулуп, өңү сертирек аялзаты менен турса өзүн жылдыз арасынан көрчү, бөтөнчө анын татына өңүн айтып койгон немеге жанын бере жаздачу Сонун жигиттин бу сөзүнөн кийин эрип кете жаздады. Эмне деп сөз улантарын билбей, бу жигит дагы да сүйлөсө экен, жанды койбой тийишсе экен деп самап турду. Жигит анын оюн билгендей:

– Эжеке, атыңызды айтсаңыз, өмүр өткөнчө болбосо да далай жыл суктана айтып жүрөйүн.

– Атым Сонун, а өзүңдүкүчү?

– Менин атым Автандил.

– Затыңа жарашкан жакшы ат экен.

– Меники эмес, сиздин ат затыңызга дал келет экен. Сонун эжеке. Эми чүрөктөй аялзатын көргөндө дайым сизди эстеп жүрмөк болдум окшойт. «Мен да сени эстеп жүрөм» деп айтып ала жаздаган Сонун кайра кармана калды. Сонун өз абалына келди – көздөрү моймолжуп, эрдинин чети аздап тиштелип кайра кое берилип, жигитти жароокер карады:

– Эстеп эле жүрбөй, салам айта да жүр.

– Анда мен сизге чексиз ыраазымын, эжеке.

– Жашырын болбосо, кайда иштейсиң?

– Эмнеге жашыруун болсун. Бизнес жасайм.

– Бүлөң барбы?

– Болчу.

– Ажырашып кеттиң беле?

– Көп жыл болду. Менин миллиондорумду короткондон башка эч нерсе билчү эмес.

Жигиттин жообунан Сонун үчүн эки сонун нерсе бар эле: биринчиден, бу жигит бойдок экен, экинчиден, мурунку аялы миллиондорду коротуп жүрсө чириген бай тура. Ушундай жигитке кайырмак илбесе кимге илет?

– Эжеке, мен сизди кайдан табам?

– Мени издебе, ниетиң болсо адресиңди бер, мен өзүм таап алам. Сенин шагыңды сындырбайын.. . Байкашымда дурус элесиң го.. .

– Рахмат, эжеке, – жигит бу жерде жашайм, иштейм деп адресин бербеди.

Аркы-теркиден сүйлөшүп, ал ансайын Сонун жигитке жакын болуп, бериле жаздап калганда шаарга кирип келишти. Жигиттин сунушу менен экөө бир жакшы кафеге отуруп тамак ичишти. Сонун бир-эки ирет арактан да сокту, рулда экенин айтып жигит ичпеди. Эки рюмка ичине кирип көңүлү ого бетер көтөрүлгөн Сонун өзүн бу жигиттин өлө-тала арзыган адамындай сезип каш какканы менен көз сүзгөнү көбөйүп, «кунаажын көзүн сүзбөсө, балээ бука кайдан жибин үзөт» болуп баратты. Жигит рюмканы дагы эки ирет толтурду. Андан кийин экөө ушул күндү бирге өткөрүшмөй болду. Азыр Сонунга баары бир эле, ушул келишимдүү жигиттин жанында болуудан өткөн жыргал жоктой көрүндү. Жигит бу чоң шаардын көптөгөн көчөлөрү менен машинасын зуулдата айдап жалаң жалгыз үйлөрдөн турган көчөдөгү бир үйдүн ачыккөк дарбазасын качыра токтоп, сигнал берди эле аз өтпөй дарбаза кенен ачылып машина короого киргенде кайра жабылды.

Жигит Сонунду сыпаа, этият колтуктай үйгө киргизип, төркү үйдөгү дивандан орун көрсөттү. Аз өтпөй ортодогу стол тамакка толду. Баарын ташып, кирип чыккан бир сулуу кыз Сонунду столго чакырды. Сыртка чыгып кеткен жигит да келди. Сонун үчүн кафеден башталган жыргалы бу жерден уланды. Жанагы кыз чай, суусундук, арак куюп тейлеп жатат. Бир маалда Сонундун көзү сүзүлүп, отурган жеринен оңкодон сайылмай болду эле, тейлеп жүргөн кыз сүйөй калды. Жигит ордунан туруп кыз экөөлөп Сонунду колтуктап ала сүйрөп короодогу машинанын арткы орундугуна отургузушту. Жанына кыз отурду кийинип чыгып. Шалкылдай наркы-терки оогон Сонунду кучактай кармады кыз. Жигит машинаны айдап жанагы келген жолу менен түз Сонундун айылын көздөй айдап, айылга жете бербеген жолдон жарым чакырымдай обочо жердеги көрүстөндөрдү көздөй бурду да, анын четине барып токтоду. Көрүстөндүн тоо жак четинде бүгүн коюлчу көрдү казып даярдап коюп, сөөк ээси кеңири апкелип берген самогондон айда согушуп бака-шака карта чаап жаткан алты неме келген машинаны байкашкан да жок. Жигит менен кыз Сонунду машиненин ичинен энеден туума жылаңачтап жиберишип, тирүү болгону менен эс оодарчу дарыны жана үйдөн кыздын колу менен чайга кошулуп жакшы ичкен немени суналта сүйрөп эки көрүстөндүн ортосуна алпарып, адамдык кылып кашемир пальтосун алдына сала жаткырышты. Калган кийимдерин жолдо келатып машинадан ыргытып салышты.. .

Сонун түш көрдү. Кайыкта бараткан. Бир маалда кайык коңторулуп учуп кетти. Суу аябай муздак экен, аябай үшүйт. Жанталашып чабак уруп, жээкке жөнөдү. Жээкте котолоп эл батпайт. Бирдемелерди айтып кужулдашып жатат. Кай бири тилдеп жаткандай да көрүнөт. Аз болсо сууктан өлчүдөй. Жээкти көздөй жан үрөп жанталашат. Шайы небак кетип, буту араң шилтенип жатса, суу астынан бирөөлөр буттан алып, бири колдон алып жатпайбы. Сөккөндөрү угулат. «Айбандар, мага тийбегиле» деп Сонун да сөгөт.. . Сонун көзүн ачты. Эс-мас абалда. Жаман күйөөсү пальто жаап жатат, отурган жеринен. Тилденген, шылдыңдаган сөздөр угулат, толгон немелер тегеректеп алыптыр. Жок, бул түшү эмес экен. Түшү сууга чумкуп чабак урганы экен. Сонун өзү да кымтылана калды. Көк муштум болуп калтырай, тиши-тишине шакылдайт.

– Бетиң курсун! – деди бири.

– Ичип алган тура, энеңди урайын жалап!

– Туй ата, катын болгон сенин!..

Тегеректегендердин баары кетип жанында жаман күйөөсү күйпөлөктөйт.

– Тур, жүрү кетеличи бу жерден.. .

Сонун пальтосун жылаңач этине кийип жылаңайлак басты.

Күйөөсү батинкесин чечип берген жок.

Ушул айылда бир сексенден өтүп каза болгон чалды койгону келген немелердин кай бири сөөк казанакка коюлуп, кирпичи тизилип, көргө топурак үйүлгөнчө бу жерде сөөгү коюлган урук-туугандарынын эстеликтерине басып, кай бири куран окуп жатышкан. Бир чал илгери кеткен атасынын мүрзөсүнө баратты эле, дал алдында зоңкуйган аял жылаңач жатат. Чалдын жүрөгү оозуна кептелди, эмне сөз айтканы белгисиз бир кыйкырып алды эле, бат эле он-онбеш адам ага жетип алар да көрүштү жылаңач аялды. Арак буркурайт денесинен. Жанагы машинеси менен алып келген жигит бир бөтөлкө аракты Сонундун үстүнө жаба куюп кеткен эмеспи. Чогулгандардын бири айты:

– Эй, бу энеңди урайын тирүү экен!

Бу кезде Сонун жанталашып чабак уруп бараткан болчу.

– Ким бу, – деди бири.

Дагы бири аялды оодара:

– Ой, бу жанагы Жигитбектин аялы турбайбы.

– Ой энеңди десе.. . Баягы сойкусубу?

– Анан эмне анын башка да сойкусу бар беле?

– Таң.. .

– Ой, мусулман болсоңор жаап койсоңор болбойбу.

Эки киши аялды кырынан оодарып салынган пальтосунун бир өңүрү менен жапкан болду.

– Туй, эненди, ит ичкендей ичиптир тимеле!

– Ой, жылаңач катын көрө элексиңерби, тиги күйөө сөрөйүн чакырбайсыңарбы, – деп бир карыя айтты эле, бирөө барып топ арасында отурган Жигитбекти чакырып келди. Бул баягы кызын кыз деп санабаган айбан. «Жаман иттин аты бөрүбасар» деген дал ушуга арналгандай аты Жигитбек, соолуп калгырдыкы. Сөөктү узата келген толгон-токой машиналарга салууга болбойт бу аялын, анан да ким алмак эле. Жашырынып-жашынып барууга буйтку жол да жок. Көчө менен апкелди аялын жетелей. Элдин баарына шермендесин чыгарган бу катынына бир ооз жаман сөз айта албайт, бети дуулдай ысып жерден башын көтөрө албай короого киргенде гана азга демин басты Жигитбегиң. Сонун болсо жана мүрзөдөн эле эсине келген. Анын абийири кеткенин ойлоп жинди боло жаздаганын сөз менен айтып болбос.

Бир жума төшөктө жатып, бир күнү таң заардан кийим-кечегин түгөлү менен көтөрүп үйүнөн чыгып кетти кайра кайткыс.

Бул Мирбектин Нестан үчүн алган өчүнүн башы гана болчу.

Кулан баягы боюнча Нестанды издеп жүрөт. Милийсага нечен барат, сүрөтүн апкел дейт, же сүрөтү жок.

Бүгүн дагы милийсага барып келаткан. Райборбордон айылга кетчү аялдамага келип таксиге отурмак болду эле, бир жаш жигит салам айтып эле сурады:

– Кулан сиз болосузбу?

– Ии, менмин, – деп ал делдейе калды.

– Сиз болсоңуз, Нестан табылды. Биз менен барып алып кетиңиз, – деди жигит, – жүрүңүз.

Кулан жигитти ээрчий басты, сүйүнүп баратат. Жигит обочо турган «Жигулисинин» эшигин ачып Куланды отургузду, өзү отурду. Кетип баратканда Кулан сурады:

– Кайдан таптыңар Нестанды?

– Таптык, – деди жигит кайдан экенин айтпай.

«Бу милийсада иштеген неме го, – деди Кулан ичинде, – кебетесине караганда ошондой. Эми унчукпайын, жинине тийип албайын».

Машине райборбордон чыгып бир аз узагандан кийин жол жээгинде турган дагыбир «Жигулинин» артына токтоду. Тиги машинадан эки жигит бери басышып түз эле Кулан отурган тараптагы эшикти ачып аны делдектете сүйрөп, өздөрүнүн машинасына тыгышты. Куланда кайдан кеп болсун. «Бу эмнеңер?» деп сураганга шаасы келбей тилооздон кала жүрөгү түшүп, муун-жүнү бошой, денесин тегиз калтырак басты.

Эки жигит эки жагында отурат. Анан бири бөтөлкө аракты ачып кырдуу стаканга баса куйду:

– Ме, ич!

Кулан калтыраган колу менен стаканды алды, ичпей турду. Ичкиликти ыгы менен ичип жүрөт, бирок мынча аракты бир басып көргөн эмес.

Сол тарабында жигит:

– Эй, ичпейсиңби, ыя?! – деп Куланды кежигеден шадылуу колу менен капшыра кармады эле анын мойну сынып кете жаздады, көздөрү мөлт этип чыгып кетчүдөй. Стакан оозуна алынды. Дымын чыгарбай ичти. Дагы бир стакан куюп ичиришти. Ошондон соң Кулан эңги-деңги болуп, эмне ойлогонунан эсеби жок кеңгиреп калды. Машина баягы Сонун «мейман» болуп кеткен үйдүн короосуна токтотулду. Куланды машинадан түшүрүшкөн жок, жанына эс-учунан тана мас болуп шалпылдай сөгүнгөн бир турна бут сойкуну отургузушту.. .

Саат таңкы жетиден өтүп калган. Кар баскан айылдыктар ойгонуп, отун жагып, мал-салына чөп салып, балдар окууга камданган убак. Көчө али караңгы. Мектеп менен айыл өкмөтүнүн имараты жанаша. Бул жерде үч-төрт дүкөн, ончакты комок иштейт. Айылдын борбору эсептелет. Дал ушул жерге аз мурун бир машина келип токтоп, андан өлүктөй суналган жылаңач эки денени сүйрөп түшүрүштү. Ошол эле жерге эски палас салынып эки дене катар жаткырылды. Баш жактарына ооздору ачылган жарымдалган бир арак, бир коньяк стакандары менен коюлду. Бир тарелкада туздалган бадыраң, бир тарелкада кесек-кесек тууралган пияз.

Машина кеткенден бир саат өткөндө кыжы-кужу болуп келаткан ончакты окуучу бала жол жээгинде кучакташкандай жаткан эки денени көрүшүп, бир-экөө бакырып да жиберишти.

– Өлүктөр жатат.

– Бир аял, бир эркек экен.

– Жылаңач турбайбы.

– Өлтүрүп кетишкен окшойт.

Ушинтип чуулдаган балдардын бири мектепке чуркай кирип, эрте келген деректир менен беш-алты мугалимди чакырып чыгышты. Алар эки денени тегеректей карап не кылышарын билбей бир топко туруп калышты. Ангыча окуучу балдар, наркы-терки өткөн адамдар батпай котолошту. Дагы жарым сааттан кийин милийсасы келди, ага удаа «тезжардам» келип токтоду. Эки «өлүк» кыймылга келди. Экөөнүн кийимдери ушул жерде болчу. Эки жагын элеңдей карашып кийимдерин алып, шаша-буша кийинишет. Мас сойку котологон элди элес албай сөгүнүп жатат. Куландын өлбөгөн төрт шыйрагы калган эмеспи. Экөөнү милийса ээрчитип мектепке алып кирип сурак жүргүздү. Эки стакан аракты кыйнап ичиргенин гана айтты, башка эч нерсе билбейт эле. Сойку болсо: «Мага бул төлөмөк, төлөй элек, төлөтүп бергиле!» деп милийсаңды да, башкасын да элес албай, элес алмак тургай эки сөзүнүн бири кызылдай сөгүнгөн сөз.

Масы тарай элек болсо да Кулан өлүп турду, бу жашоодон тез эле кеткиси келип ушул азыр муунуп өлгүсү бар. Бирок айла таппайт. Тирүү болгону менен өлүк кейпинде үйүнө келди. Ошол күнү кечинде аны «тезжардам» машинасы алып кетип, райборбордогу реанимация бөлүмүнө жаткырышты.. .

Кулан ооруканадан бир айдан өтүп чыкты. Чыкканы курусун бир буту эптеп шилтенип ошол бут жак капталы же шал же соо эмес болуп жаагы кыйшайып чыкты. Суук катуу тийген, анан нерви катуу бузулгандан дешти. Мурунку жылма жүзү эми мырыйган, кыйшайган жүзгө айланып, көргөн адамды бир силкинтип алчу кебетеге келди.. .

Айылда болсо ал жөнүндөгү айың кеп далайга элге эрмек болду. «Шаардан сойку жалдап, үйгө алып келе жатып, чыдабай мектептин жанынан баса калып, мас болуп тура албай калыптыр» деген айың баарынан көп айтылды.. . Бир да адамдын жүзүн карай албай жаткан Куландын оору буту эми биротоло шилтөөдөн калды.

***

Кенже апа Кулан күйөөсүнүн окуяларын Батмадан уккан. Бирок анын шал болуп жатканын Батма айтпады, азырынча.. .

***

Баягыда Макан менен Бекен Кенже апа менен сүйлөшүп, Батмага аны жакшы бак деп тутам акча таштап кеткенден кийин Батма Кенжени чын эле жакшы карады. Бир жыл бел түзөбөй иштесе да таппай турган акчаны Батма дурус актап жатты. Эми Батманын түйшүгү көбөйдү. Дагы бир ооруну карайт, анысы Кулан акеси. Кулан кош балдактуу болгон. Бир бутун сүйрөп, балдагын таянып өзү кирип-чыкканы менен Кенжеден айырмасы аз эле болчу. Кечээ эле кейкейе да, койкойо да басып өзүнө өзү корстон болуп жүрчү неме ооругандан алсыз, жардамсыз болуп, келбетинен кетти. Жатып алып өткөн өмүрүнө сарэсеп салат, аттиң дегени көбөйөт. Эми алсыз болуп турганда Кенжени ойлоп жатпайбы. Аны аяган жок, андан коркуп турду. Ал жаткан бөлмө тарап коркунучтуу көрүнөт. Кечээ эле: «Бу шал өлбөс болду» деп Кенжени адам санынан чыгарып, андан жийиркенип, андан эртерээк кутулса, жаш аялын мактана ээрчитип элге аралаштырып жыргап-куунап өмүр сүрмөкчү Кулан бүгүн күнү бүткөндөй, соодасы түгөнгөндөй абалда калды. Эми анын жолунун түзү жок, жаркыраган жарыгы жок. Ошентип тирүү болуп жерде жок, өлүү болуп көрдө жок абалда жаткан Куланга дагы бир катуу сокку болду. Ошондон соң Кулан биротоло оңкосунан сайылды окшойт. Кеп ошол жөнүндө болсун.. .

Нестандын сезими күндөн күнгө аппак тазаланып, зээндүү жаралган неменин акылы тунуктанып, наркы-беркиге түшүнүгү артып, ал ансайын бу жашоого кызыгы артып, бу жарыкчылык чоң майрам, бүтпөс майрам болуп уланып, Маканына берилүүсү саат сайын, күн сайын күчөп турду. Ошол күндөрдүн биринде Нестан Маканга айтып турду: «Макан байке, Кенже апаны көрүп келбейлиби?» Маканды байке дейт, бир-эки ирет Макан: «Мени байке дебе, Макан де» десе «Макул» же «жок» дебеди. Бирок «Макан байке» дегенин таштабады. Нестандын Кенже апаны көрүп келели деген сунушуна Макан кубанып макул болуп, ошол айткан күнү эле түшкө маал экөө Куландын үйүнө түшүштү. Короо күрөлгөн эмес, дарбазадан үйгө чейин жалгыз аяк жол түшкөн, Батманын жолу болсо керек.

Макан эки сумка толтура тамак-ашын көтөрүп баштай баскан Нестандын артынан үйгө кирди. Бут чечпестен эле Кенженин бөлмөсүнө өтүштү. Нестан чалкадан түшүп жаткан Кенжени басып жыгылып өпкүлөп жатат, ыйлап жатат. Кенже эмне айтарын билбей, калтырап-титиреп ыйлап да, сөзү сөзүнө уланбай эркелетип жатат. Биртопко кош ый басылбай атып араң токтоду окшойт. Эми кезек менде дегенсип Макан Кенже апа менен учурашып, өбөм деген немеге бетин тосту. Анан тигиндейрээкте турган жапыз үстөлдү керебетке жанаша койду. Нестан сумкалардагы не бир түркүн таттууну, тамакты үстөлгө жайнатты. Бөлмөнүн ичи суук, босого жакта токко сайылган кичинекей плитканын бу бөлмөнү жакшы жылытканга күчү жетпейт көрүнөт. Эми ал-абал сурашып жатышты. Нестан ар нерседен алып Кенже апасына ойбоюна койбой жедирип жатат, Батма эми эле кеткен экен. Кенже ал келини колунан келишинче жакшы карап жатканын айтты.

– Нестан, – деди бир маалда Кенже анын колун кармап, – желмогуздун окуясын уктуң беле?

Нестан сөз ким жөнүндө болуп жатканын ырасында эле билген жок.

– Кимдин? – деди.

– Кимдин болмок эле, жанагы айбанды айтам, Куланды.. .

Куландын атын укканда Нестан бир дирт этип алып, дүйнөсү куушурула түшкөндөй болду. Эмелеги бажырайган жүзү кубара түштү. Анын бу келген абалын Кенже көргөн-сезген жок, сөзүн улады:

– Ал айбандын абийири кетиптир. Сага баарын айтып отурушум уят болор, иши кылып абийири кетиптир, бир бузулган неме менен мас болуп жылаңач жатып калыптыр дейт, кардын үстүнө. Андан мурун Сонун дагы ошондой болуптур. Абийирсиздер.. .

Нестан бу кепти уккан да жок. Куландын, анын артынан Сонундун коркунучтуу элеси келип, жүрөгүн түшүрүп да, айлантып да жиберди. Муну байкап турган Макан:

– Апа, ошол айбандар жөнүндө айтышпай эле койбойлубу, – деди эле Кенже:

– Жакшы эле оозго албайын дедим эле, эреркеп айтып салбадымбы, айланайындар, – деп өзү да эми эле айткан кеби туура эмес айтылгандай уяла калды.

– Андан көрө экөөңөрдүн кебиңерди укпаймынбы дейм да. Кана, Макан балам эмне оокат өткөзүп жатасыңар, экөөңөр бириккен түрүңөр бар, ошондон айтчы?

Макан да, Нестан да сөзмөр дегендердин тизмесинде жок немелер эмеспи, сүйлөөгө, кеп угууга дайым куштар Кенже апанын миң сан суроолоруна кезектеше жооп берип, эми булардын маеги жыргал жакка ооп барат уламдан улам.

Бир маалда Батма келди балтаң-балтаң. Меймандарды көрүп чын дилинен аябай сүйүндү. Бака-шака түшүп бу жердеги жаңылыктарды, акеси менен жеңесин кандай карап жатканын айтып үлгүрүп, Нестандардын абалын чыпчыргасын калтырбай сурап жатты.

Макан Батманын сырын билип калган. Ала келген арактан ачып, Батма сырткы үйдөн көтөрүп келген килейген стаканга кабелтең куюп сунду эле аны колго алган аял тост айтып турду:

– Экөөңөр бактылуу болгула. Жеңем сакайып кетсин. Ошондо экөөбүз ээрчишип алып силердикине барып турабыз. Тыякта акем да буту шилтенбей жатат, а да сакайып кетсин. Аман бололу, жалпыбыз. Батма стакандарды бир эле көңтөрүп кесилген эттен сугунду: – Акеме да ооз тийгизип койбосок уят го?

– Алпарыңыз, – деди Макан. Батма бир тарелкага тамактардан салып, Куланга көтөрүп кетип кайра бат эле келди:

– Жеңе, сиз өзүңүзгө албаңыз, акемдин буту да таптакыр шилтенбей калды. Колу да, оң буту менен оң колу, жаагы да кыйшайып.. .

– Э ботом, качантан бери, – деди Кенже, кантсе да ак дил адам эмеспи, чын дилден чоочуп турду.

– Догдурдан келгенде эле бир жак өрөөнү мандемдүү келген.

Макан Куландын окуясын жакшы билет, жыйынтыгын уга элек эле, эми укту. Сооп болду деди. Анан дагы бир ой келди.

– Нестан, жүрүчү, Кулан байке менен учурашып коелу.

Нестан селт этти. Анткен менен Макандын сөзүн эки кылмак эмес, анын артынан ээрчий басты.

Макан менен Нестан киргенде Кулан төшөгүндө эле. Жаздыкты өтө бийик жаздатып эми эле Батма айтып кеткен жаңылык ок болуп тийип ичи өрттөнүп жаткан.

– Салоом алейкум. Кандай, жакшысызбы, – деди Макан.

Кулан салам айткан жигитти таң кала карады. Алик албады. Анткени анын артынан кирген периште сындуу Нестанды көрүп эстен тана жаздады. Эси элдир-селдир. «А Некенимди таап келишкен турбайбы.. . Бу жигит милийсадан го?.. Балким агаларынан болсо керек. Ким болсо да Нестанын таап келгенине рахмат! Минтип ооруп жатканда Некени дем болот, кубат болот. Анын деми менен бүгүн болбосо эртең эле бутуна туруп кетет.. . Жыргал болбодубу тим эле. Некени буту-колун ушалап берсе эле басып кетпейби.. . » Ушинтип ойлогон Кулан жигитке ыраазы:

– Рахмат, айланайын иним. Некенимди таап келгениңе. Өмүрлүү бол!

– Нестан сеники эмес, – деди Макан тиштене, – эч качан сеники болгон эмес, уктуңбу айбан!

Бу сөз Куланга октой тийди. Сөздүн ачуулугун ушундан бил, ал эсинен тана жаздады. Бир жагына кыйшайган жаак эти дирт-дирт эте башы калчылдай түштү.

– Сен Нестанды кор кылып, сойку Сонунуң экөөң кылбаганды кылганыңды көрүп-билип жүргөн Кудай эми сага көрсөтүп жатат, түшүндүңбү, – деди Макан кекээрлеп. – Нестан эми меники, менин аялым. Мени менен бактылуу жашайт.

Муну уккан Кулан ого бетер оңколоду, бул дүйнөңдөн кечип кеткиси бар, айласы жогунан көзүн жумду. Көз жумгандан башка айласы жок болчу ушул тапта.

Нестан да кызык болду. «Нестан эми менин аялым» деген Макандын сөзү анын да дайнын таптырбай салды. Дене боюн бир жылуулук каптап өттү, жагымдуу ошол жылуулук аны бат эле өрттөп жибере жаздады. Жыргаганы менен уялганы аралаша кетип Маканына кынала түштү, жер тиктейт.

Макан аны колдон ала жетелеп кетти. Көзүн кайра ачкан Кулан эми аларды даана көрдү. Нестанын жетелеп бараткан жигит жалаңкычтай да, коркунучтуу да көрүндү. Буулугуп кетти. Эч качан ыйлабагандай буркурап ыйлап жиберди. Жанындай көргөн Нестанын колунан алдырбадыбы. Буту-колу соо болсо ушул азыр жетип барып өлбөгөн жерде калып Нестанын алып калмак. Бу сыртынан эле каруусу байкалган жигитти балталаса да алып калмак Нестанын. Ордунан обдулган болду. Эми эле соо өңдөнгөн экинчи буту кыймылдабайт. Бутун бүккөнгө аракет кылды эле андан майнап чыккан жок, кыймылсыз. Кадимкидей өңгүрөп жиберди.

Анын үчүн уккан Батма жете келди:

– Сизге эмне болду, аке?!

Кулан жооп бере албайт эле. Эмне болгонун бу келинге кантип айтат, айткан күндө да шай жок болчу. Маңдайында турган келинди тиктегени менен аны даана көрө албай көзү тумандап жашы куюлуп турду. Эми элеги бакырыгы калып мелтиреди. Үзүлүп кетсем экен деп Кудайдан чын тиленген болчу азыр.. .

Макан менен Нестан Кенженин жанында дагы бир сааттай отурушту. Сүйлөнбөгөн сөз аз болду. Нестан Кенжеге аябай берилген эмеспи, ошол маанайы келип аны менен эзилише сүйлөшөт. Макан кез-кези менен кепке аралашканы болбосо, кеп ээлери Кенже менен Нестан болуп турду.

Кетеринде Макан аз күндөн кийин Кенжени алып кетип чоң догдурларга көрсөтүп сөзсүз айыктырарын айтты эле, Кенже адатынча былбырай жашып берди. Бу ыйманы куюлган эки жаштын улам бирин өпкүлөп, анысын коштогон ыйы басылбай жаткан жеринде узатып калды. Кенже апанын жашоого кумары келди.. .

***

Нестандын мерез атасы Жигитбек катуу кайгыга баткан кез. Анан кантмек. Жүрөгүн денесине кошуп, бүт дүйнөсүн ээлеп алган Сонун катыны эч нерсе айтпастан баса бербедиби. Баса бергенде да эченден бери чогултуп жүргөн акчасынан бир тыйын таштабай алып кетиптир. Илгери колхоздун конторунан үйүнө апкелип өзү жаткан бөлмөсүндөгү дубалга киргизе орнотуп алган чакан сейфине акчасын, документтерин, түрдүү кагаз-пагаздарын катчу. Ачкычын жанынан чыгарчу эмес. Кийин Сонун таарынымыш эткенде ага бир ачкыч жасатып берген. Сейф ошентип эки кожоюндуу болгон. Быйыл эгини түшүмдүү болуп жакшы баа кылып саткан. Аны мурунку акчаларына кошуп Сонун биржакка кеткен күндөрү ошол акчаларды алып чыгып кайра-кайра санай берчү. Ошондо көңүлү токпейил тартып, дене-боюн жылуулук каптап, корстон болуп турчу. Сонунду эки күн күттү. Үчүнчү күнү сейфти ачып акча салчу текчеси бош турганын көрүп жүрөгү куушурулду. Шалдайып отуруп калды. Сонундун эмне оокаты калды экен деп шифоньерден баштап бардык жерден издеди эле бир байпагы да калбаптыр.

Ошондо биринчи жолу Жигитбек Сонунду жек көрүп турду. Сонунга караганда акчаны жакшы көрөт тура.. .

Эми Сонунду кайдан тапты? Тапкан күндө ал акчаны бере коебу. Мээсине кан таамп кете таштады, тегеренип-тегеренип отуруп калды. Кызыгың кур, кечээ эле көзүнө суйкайган сулуу болуп, жанбиргеси болуп көрүнчү аял эми ага жалаңкычтай элестеди.. .

Ошонун эртеси Жигитбек дале эмне кыларын билбей зыңгыраган үйүнүн улам бир бөлмөсүнө кирип-чыгып өзүн ээн талаа, эрме чөлдө калгандай сезип дүйнөсү тарып турду эле дарбаза кагылды. Дароо чыгып эшикти ачты. Маңдайында узун пальто, башында тумак кийген бир жигит турду:

– Салоомалейкум.

– Алеки салам.. .

– Сонун эженин күйөөсү болосузбу?

– Ии, – деди да, – болчумун, – деп кайра оңдоду.

– Ошол Сонун эже сизге жиберди эле. Бир нерсе сатып алып апкете албай жатыптыр.

Муну уккан Жигитбек сүйүнүп кетти. «Бөөдө эле жаман ойлогом тура. Кетпейт эле дейм да.. . Сонундай аялды жоготкону болбос.. . Алтыны», – деп жиберди Жигитбек.

– Кеттикпи? – деди жигит.

– Азыр мен кийинип чыгайын. -Жигитбек шаша-буша үйүнө кирип бат эле кийинип чыкты. Эми эле муз болуп турган көңүлү нур чачкан дене балкыткан абалга алып келип таштады.

Машина шаарга кирип бир үйдүн дарбазасынан кирип токтоду.

– Жүрүңүз, – жигит Жигитбекти ээрчитип үйгө киргизип диванга отургузду да, өзү чыгып кетти. Жигитбек Сонуну мына-мына кирип келчүдөй болуп алеп-жалеп күтүп турат. Бат эле бир суйкайган сулуу кирип узун стаканга куюлган сокту сунду:

– Агай, муну ичип туруңуз, азыр келишет.

Жигитбек суусап турган. Дем албай ичти сокту. Андан аз өтпөй денеси нымшып, денесин бир сонун сезим каптап жыргалга батты. Баягы жигит кирди үч-төрт сааттан кийин. Ага чейин Жигитбек дагы эки ирет сок ичкен болчу. Канча убакыт өткөнүн эмне кылып отурганын билбейт. Айтор, жыргаган сезим гана дене бийлейт.

Жигит Жигитбекти колтуктай жетелеп машинага кайра салды. Түз эле темир жол вокзалына келишти. Перрондо эл батпайт. Поезд Сибирге жөнөп жаткан экен. Мурунку жигит дагы бир шериги экөөлөп Жигитбекти бир вагонго отургузушту. Проводник менен небак сүйлөшүлгөн экен. Эки жигит Жигитбектин пальтосу менен тумагын чечип ала түшүштү.

Жигитбек наркотиктин, дагы бир даарынын күчү менен жакшы уктады, бир сутка бою. Экинчи сутка болгондо ойгонду. Шарактаган поезддин үнүн укту, вагондо баратканын билди. Терезени карады, кар баскан токойду аралап кетип баратат.. .

Жигитбектин ой токтотууга чамасы жок. Купедегилердин көбү кыргыздар экен, бака-шака түшө сүйлөшүп баратышат.

Бир маалда бир отуздардагы жигит сурап калды Жигитбектен:

– Байке, кай жерге чейин барасыз?

Жигитбек кай тарапка баратканын билбесе эмнени айтмак, күңк-мыңк этти:

– Баратам.. . Билбейм.. .

Бул маспы же акылы жылышкан немеби дегендей кылган жигит экинчи эч нерсе сураган жок.

Ошондон алты-жети саат өткөндөн кийин Сибирдин бир чоң шаарынан Жигитбекти түшүрүп салды. Аны поездге салгандар ошол жерден түшүргүлө деп төлөгөн экен. Костюмчан, жылаңбаш, кыштын кыраан чилдесинде шөмтүрөп вокзалга кирип бир орундукка олтурду. Аз өтпөй эки милийса келип, бири честь берди да документ сурады.. . Жигитбекте кайдагы документ. Же жок, же бар деп айта албай туттуккан немени эки милийса эки жагынан колтуктай алып жөнөштү. Ушул учур өмүр бою түйшүгү жок турмуш өткөзүп, өзүнүн эти менен көңүлү ооруганын гана сезип, башкага кенедей да кабак-кашым дебеген кадимки эле дөңдөн айырмасы жок неме ушул азыр жаны көзүнө көрүнүп, илкий баратты.. .

***

Макан багып, чоңойткон таякесиникинен кеткенден кийин кайрылып барган эмес. Ал жерди дегдетип, өзүнө тартып турган эч нерсе жок эле. Үч-төрт күндөн бери ошол таякеси жөнүндө ойлоп, өзүнүн барбай жүргөнү чеки иш экенин мойнуна алгандай болду. Бекен, Мирбектер менен кеңешип көрүп Нестан экөөнүн үйлөнүү тоюн дал ошол таякесинин үйүндө өткөрмөй болду.

Макан кай иш болсо да созбой бүтүргөнгө көнгөн. «Өлүмдөн башканын баары тез болгону жакшы» деген кеп ушул Маканга тийешелүүдөй эле.

Достору менен кеңешкен күнү эле тойдун камын көрдү. Жылкысын да, арак-шарабын да, айылдык көп адамдардын түшүнө кирбечү түркүн тамак-аш алды да, эки күн өтпөй алты-жети жеңил машина, жылкы салынган бир жүк ташуучу машина убай-чубай Макан чоңойгон үйгө келип токтоду.

Камсыз жаткан таякеси Маканды көрүп таарынып жүргөнүн эстен чыгара берди. Бышактап алган. Зыңкыя кийинип, өзүнө окшогон келбеттүү достору менен мыкты машиналарды минип келгенине суктана таң калды. Баарынан да килейген жылкы ала келгенин айтпайсыңбы.

Бака-шака той түшүп, ошол күнү кечте Макан менен Нестандын никеси кыйылды..

Аягы

Поделиться

Башка китептерин окуу учун картинканы басыныз