Баратбай АРАКЕЕВ


"Мен сага өлүм алып келем"


Мырзабек ошол күнү да Болоттон таяк жеди. Экөө кошуна өсүп бир класста окуганы менен такыр эле ынтымакка келалышпайт. Болот Мырзабекке караганда кырдуураак, өтө шок бала. Классындагы ончакты эркек баланын бири да ага акаарат келтире алышпайт, кааласа тумшукка бир берип, көчүккө бир тебиш ал үчүн оңой эле иш. Башка балдар таягын жеп ошого макул болуп кете беришет. Мырзабек антпейт. Таяк жеп жатып да каршылыгын көрсөтөт. Биракта кандай каршылашса да акыр-аягы таяк жейт. Өзү ичке, каруусу жок бала күлтүңдөгөн немеге кайдан алы жетти.

Ошентип Мырзабек Болоттон бүгүн да таяк жеди. Жегенде да көзү көгала болуп, маңдайкы тиши шалактай бошогон. Уулунун бу кейпин көргөн атасы жемелей берди:

- Ии, сөлдүрөп дагы таяк жеп келдиңби?! Ушу сен эркексиңби деги, ыя?! Эй, жанагы бокс-моксуна катышып, таяк жебей таяк жедиргенди үйрөнсөң болбойбу. Туйата, абийирди кетирмей болбодуңбу! Баланчанын кызы деген атка конбосоң болду. -Мырзабектен эзели таяк жебеген олбурлуу шоопур атасы ушинтип күйүп турду. Анысы да эп. Уулу таяк жей берсе ошентем да.. .


Бу облустун борбору аталган чакан шаарда балдарды бокска даярдайбыз деп көбүн чоң муштум хулиган, рэкет кылып чыгарчу жай бар эле. Мырзабек эртеси эле ошол жерге барып балдарды машыктырып улам бирине барып ыкмаларын көрсөтүп бакылдап жаткан тренерге барды:

- Агай, мен бокска катышканы келдим.

- Келсең жакшы болуптур, - деди тренер баланы бутунан башына чейин сынай тиктеп, - алдагы кебетең менен мээлей көтөрө аласыңбы?

Мырзабек эмне дээрин билбей турду эле тренер айтты:

- Кой, балакай, мишайт этпей үйүңө бар. Спортко аябай катышкым келет десең жүгүргөнгө же секиргенге бар, бирдеме чыгышы мүмкүн. А бу жерди бокс деп койот. -Тренер ушуну менен сөз бүттү дегендей ишин улантып кете берди.

Мырзабек дароо кетип калган жок, эки-экиден карсылдашкандарды карап көпкө туруп анан гана кетти айласыз.

Эртеси дагы барды бокска.

- Эй, кечээ эле айтпадым беле мээлей көтөрө албайсың деп, сөзгө түшүнбөгөн кандай немесиң, ыя?! - тренер ачууланды да анан бир ойго келди окшойт, бир баланын колундагы мээлейди чечип Мырзабекке кийгизди: -Кана мобу менен согушуп көрчү, - деп дагы бир баланы чакырды: - Бокс кандай болорун көрсөтүп койчу, бу кежир немеге.

Тиги бала Мырзабекке бет маңдай келип аздап согушумуш болуп, наркы-терки буйтай секирип анан тумшук талаштыра берип калды эле Мырзабек оңкочок атты. Турду эптеп ордунан, колун көтөрө берип тиги баланы качырды. Дагы жеди тумшукка. Жыгылып, кайра турду. Качырды. Мурдунан кан акты.

- Болду, - деди тренер экөөнү токтотуп, анан Мырзабекке айтты: - Ии, бокска катышасыңбы дагы?

- Катышам, - деди Мырзабек мээлей менен канаган мурдун сүртө берип, берки балага тап берип жүрбөйбү.

- Туй ата, жанда жок өжөр окшойсуң. Катышсаң катыша берчи, - деп тренер кол шилтей басып кетти.

Ошондон туура эки жыл өткөндө Мырзабек мектепти да аяктады, бокс боюнча өз салмагындагы балдардын мыктысы да болуп калды. Сөөлжандай сөйрөйгөн неме азыр булчуң байлап көзгө толумдуу. Баягы далай жыл каалагандай уруп-согуп келген Болот эми Мырзабектин алдында жөргөлөп турат. Бүт класстын көзүнчө ээкке бирди жеп, столду кулата жыгылгандан кийин ошентип калган эмеспи.. .

***

Эки жыл ичинде эле далай мелдештерге катышып жеңип жүргөн неме армияга барганда спортротада кызмат өтөдү. Союз делип турган кез эмес беле. Урал аскер округунун чемпиону болду армияда жүрүп. Андан келгенден кийин баягы тренери физкультурный институтка өт деп кеңеш айтып асылганына болбой Мырзабек милийса мектебине өттү. Эмне себептен ошенткенин билбейт. Эч нерседен коркпой кериле басып, каалаган ишин жасап салууга укугу бардай көрүнсө керек милийса кызматы. Милийса мектебин да, Карагандыдагы андан чоң окуусун да бүттү. Анан өзү туулган чакан шаардын милийсасында иштеп жүрдү.

Ошол чакан шаардын чакан бандиттери Мырзабектен аябай коркчу эле. Карагандыда окуп жүргөндө "рукопашный" деп койчу мушташына окуусун бүткөнчө тынбай катышып чогуу окугандардан алдына киши салган эмес. Анан да көзүнөн өткүрлүгү чачырап, өңгөнү оңой менен тике каратчу да эмес. Бала кездеги жумшак көрүнгөн мүнөзү кийин өткүр болуп чыга келди. Кайсы бир кылмышы үчүн колго түшүп, сурак жүргүзсө мылжыңдай кетчү безерлерди "айтып койсоң эми" деп акелеп-жакелеп отурбай түз эле өпкөсүн эзип койгон күндөрү бар эле. Кээде өзү менен чогуу иштегендерге да кыргыйдай тийчү кайсы бир кылыгы үчүн. Ошондон улам аны көп милийса жаман да көрчү. Ошол жаман көргөнүнүн дагы бир себеби - кылмышкерди бошотууга аракет кылган тууган-туушкандарынын сөзүн укчу да, парасын алчу да эмес. Же өзү тойбосо, же начальниктерин тойгузбаган азчылыкты түзчү милийсанын бири болду. Анткен менен андан ыйбаа кылып, айласыз сыйлап тургандар да көп.. .

Азыр ошо бала кези, бокстон биринчи ирет мурду канжалаганы, армияда бир ингушту тийишкенде аны жаткыра чапса ошол жердеги бүт кавказдык чогулуп өлтүрүп койо жаздаганы, чогуу кызмат өтөгөн ончакты кыргыздан бир гана Темир жанында туруп, калганы куйрук түйүп качып кетишкени, Карагандыда окуп жүргөндө бир казак кызга тийише койом деп анын бандит жигитинен бычак жей жаздаганы.. . баарын-баарын эстеп олтурду. Аларды бекер эстеген жок, эмне үчүн ушул милийсанын тышы жалтырак, ичи калтырак ишине байланып калдым деп ойлонуп отуруп ошентти. Физкультурныйга өтүп, далай жыл мелдештерге катышып, кийин тренер болуп кетпейт беле. А балким бүт дили менен дитин бокско койсо Европага чейин, дүйнөгө чейин таанымал чемпион болмок, "ушу кыштын кыраанында бул жаман сапошка менен тойго кантип барам" деп аялы таңзаардан согуш жарыялап жибергенде ага жооп кылып жарым ооз сөз айтпай ишине баса берген. Аялынын айтканы деле эп. Жарытылуу кийими жок. Ошонун айынан чакырган жердин көбүнөн калат. Бүгүн бир жакшы теңтуш болуп жүргөн келин гарнитур алдык эле, үйүбүз да жаңы эмеспи той кылып койолу деп чакырган тура. "Сапошкам жоктон" башталган сөз гарнитурга, заңгыраган сонун үйгө, иномарка машинеге, тутам-тутам долларга өттү. Ушунун баары Мырзабекте жок эле. Сөз "сенин тазалыгыңдын кимге кереги бар, ыя?!" деген жерге келгенде Мырзабек чыгып бараткан. Сөз улана берсе аялын жаткыза чаап салышы бар. Ошондон коркту өзү. Айда, жылда аша чаап баратса, ошентип эмдеп-демдеп койор эле.. .

Мырзабек кабинетинде көпкө отурду. Бир маалда начальниги чакырды телефон менен.

Бу начальниктин келгенине жыл айланды. Ошондон бери экөөнүн мамилеси начар. Ал бу жерге кылмышка каршы күрөшүү үчүн чектелбей эле, кылмышкерлерди коргоо, бошотуп туруу үчүн келгендей. "Тигини бошотуп жибер, муну бошотуп жибер, бул жактан чалып жатышат" деп ошону менен алек. Дал ушундайлар кумалак болуп милийсаны бузат, кемтик кылат, сөлтүк кылат. Мурун мындай "кумалактар" аз эле милийсада, эми теңметеңдир. Начальник кошоматтын, паранын күчү менен ушул кызматка жеткенин элдин баары билет. Мурун алган кесиби тарыхчы экен, университетти бүтүптүр. Кийин милийсага ишке кирип, ошол эле университеттен сырттан окуп юрист болуп чыга келген экен, акчалуу адам үчүн ал окуу чыйт түкүрүм нерсе го бир. Акчаны тутамдаттың - өттүң, бүттүң.. .

Мырзабек начальнигине салам берип, анын маңдайында узатасынан кеткен столдон орун алды, чыканактап жаак таянып отурду. Ушуну начальнигим экен деп да сезбейт, кыжыры кайнаганы кайнаган. Бирок айла жок, угат, аткарат.. .

- Кыдырбаевди чыгаргыла дебедим беле! - деди начальник орой.

Оройлоно кеткени, креслосуна таянганы болбосо Мырзабектей карышкырдан коркот эмеспи. Мырзабек менен сүйлөшкөндө азыр тура калып өзүн баса калып тытмалап жиберчүдөй сезет, кооптонуп, коркуп отурат. Ошенткенин билдирбеске курдүрмөт күпүлдөйт. Бу ирет да калптан оройлонду, кыпылдап турат кандай жооп болор экен деп.

- Аны чыгарганга болбойт, - деди Мырзабек ачуусун араң басып, - тоноп атса, анысы аз келгенсип тишин сындыра урса.. . Кантип бошотом.

- Ме! Момуну оку. Кыдырбаевде доом жок дептир.

Мырзабек начальник сунган бир барак кагазды алып ары-бери окуй салды да кайра сунду:

- Эшек!

- Ким?! Ким эшек?!

- Алдагы суу жүрөктү айтам, эшек!

- Сен көп сөздү кой да Кыдырбаевден кечирим сура да бошотуп жибер.

Бул сөз Мырзабекке бычактай тийди. Бу эмне деген кордук. Бирөөнү тоноп, сабаган немени бошотуп, а турсун ал айбандан кечирим сураш керек экен да.. . Күйбөгөн жери күл болуп кетти Мырзабектин. Өзүн өзү кармай албай кетти:

- Урдум сенин начальниктигиңди, уктуңбу?! Урдум! Барып өзүң кечирим сурап, көтүнөн өөп бошотуп жибер. А мен андай жүзүкаралыкка, катындыкка бара албайм! - Мырзабек ордунан атып туруп, эшикти кашек-машеги менен ажырап түшүрчүдөй тарс жаап чыгып кете берди.. .

Начальник оозунан сөз чыкпай туттуга түштү. Бети чыңалып кызарып кетти. Май толуп кабаттала буржуйган мойнуна чейин чоктой кызарды. Эшиктин талкаланчудай жабылганы ого бетер жанын өрттөп жиберди жан чыдагыс. "Энеңдурайын эшек, көпкөнүңдү көтүңөн чыгарбасам элеби! Кызыл зонада жашатпасам элеби, энеңдурайын айбанды!.. " Начальник эмелеги соккудан оңоло албай биртопко дайнын таппай, эсин жыя албай отурду да анан өзүнө келип экинчи орун басарын чакырды. Ал келгенден кийин аны ээрчитип, сыртта турган тергөө бөлүмүнүн начальнигин кошуп Мырзабектин кабинетине карп-күрп кирип барды да: -Эй, кана жанагыңды кайра бир кайталачы булардын көзүнчө, - деп кумсарып турду.

Мырзабек экинчи сураткан жок, жерине жеткире айтты:

- Иди на.. . -Анан ордунан шарт туруп күрсүйгөнү менен шайы өлчөлүү начальникти мойнунан аткый кармап эшиктен итере түрттү, - бар энеңди.. .

Начальник коридордо бозала болуп туруп калды. Мырзабектен начальнигин арачалаганга үлгүрбөй калган берки экөө да айласы кетип, не кыларын билбей турушат. Экөө тең ушул азыр Мырзабектин колун толгоп туруп, өпкөдөн ары бир-эки берип дыргаяктай сүйрөп камерага камап салса болор эле. Бирок антүүгө батынбайт. Батынса ойрондору чыгарын айныгыс билишет. Көп жыл чогуу иштеп Мырзабектин сырын, күч-кайратын жакшы жаттап бүтүшкөн эмеспи. Айла жок. Айла болсо начальнигине болушуп көзгө бир көрүнүп алышпайт беле.. .

Ошондон көп өтпөй Мырзабек кабинетин жапты да үйүнө келип жатып алды. Начальник болсо Мырзабектин "шорун катыруу" үчүн катуу киришти. Эң биринчи иретте жанагы экинчи орунбасар менен тергөө бөлүмүнүн башчысы күбө катары түшүнүк катты катыра жазды. Начальник аларды окуп, жактырып өзүнүн арызын чүргөдү. Начальникти башка бир уруп, мойнунан сындыра кармап, ыргыта түрткөнүн көрбөсө да көрдүм деп дагы эки милийса "көрдүмдөн" жазышты. Ошол эле күнү түштөн кийин бардык кагаздар прокуратурага начальниктин өз колу менен жеткирилди. Андан соң начальник облустун начальнигине барып болгон ишти бир топ койуулатып, бойоп-сойоп туруп айтып берди эле, тиги "а анын шиши толгон экен" деп жини келгенин билдирип, буркан-шаркан түшө жаздады. Согумуна чейин белендеп, кварталында бир ирет акча тутамдатып турчу кадры кордук көрүп жатса жөн жатмакпы бу облначальник.

Эртеси Мырзабек ишке чыккан жок. Башына кара булут айланып жатканын жакшы билет. Баарына даяр болуп "бир башка - бир өлүм" дегенди дилинде сан кайталап белин бекем бууган сыяктанат. А бирок санаа жөн коймокпу, көңүлү тынч эмес, бар жаманчылыктын улам бирине көнүп сыртты тыңшай жатат. Ана, бир маалда эшиктин коңгуроосу кагылды. Барып эшик ачты эле, өзүнө тааныш жигиттерден беш-алтоо турат. Алдыдагы прокуратурада иштеген неме Мырзабек менен саламдашпастан кагаз сунду:

- Камалдыңыз.

Мырзабек сунулган кагазды алган жок:

- Кийинейин, - деп ичкери басты эле, тигилер кошо басышты. Жаздын акыркы күндөрү эле, күн бирде жылып, бирде суук тартып турган убак. Жылуу кийинди. Чыгарда эки жигит колуна кишен салмакчы болду эле, Мырзабек кесе айтты:

- Убара болбогула, тирүү салдырбайм.

Тигилер анабашы болуп келген прокуратура кызматкерин карашты эле ал мейли дегендей баш ийкей сыртка баштай басты. Сырттагы милийсага караштуу кичинекей автобуста дагы үч милийса отурат. Булар өтө коркунучтуу кылмышкерлерди кармоого катышчу атайын топтун балдары. Каршылык көрсөтсө кармоо оңойго турбайт деп катуу камданып келишкен эмеспи.

Мырзабекти кадимки эле милийсанын камерасына камашты.

Ал жерде ар түрдүү кылмышы үчүн жаткан дагы беш-алты немелер бар болчу. Алардын бири Мырзабекти жакшы тааныйт экен, сүйүнгөнүбү же табалаганыбы, айтор:

- Оо, таанышым келип калган турбайбы, төргө өт, - деп калжаңдай тапчандан туруп ыржалактады, - мент менен бир камеранын атыр жыттуу абасын бирге жутам деп кимдин оюна келиптир. Бирок менттин жытына чыдачу эмес элем, эмне кылсак, ыя? - Бу шуудуңдаган неме камерадагыларга өзүнүн крутойлугун көрсөтөм дедиби дароо эле аша чаап кетип калды. - Булардын жыты парашага куп келчү эле, эй мент сен ошол жерден орун ал, төргө өт дегенге ишенип алба.

Мырзабектин азыркы абалы эч нерсени көтөрө алмак эмес. Тарс жарылчудай чыңалып, жинин кимден чыгарарын билбей турганда тиги өзүн мазактамакчы болгон немени жыга тепти. Кол булгаган жок, шилтеген буту дал ээкке тийиптир. Оңкосунан сайылды, тынчыды тиги. Тырп этпей жатып, бир топтон кийин жаны өзүндө калганын билдиргендей буту-колу кыймылдай тыбырап дагы бир топко жатты. Ашык, көпкүлөңкү сүйлөгөн бу неменин кебине маашырлана баштаган берки шантрапалардын жүрөктөрү оозуна тыгылды. Аны коштой сөз айтпаганыбыз жакшы болгон экен дешип ичтеринен тобо келтирип турушту. Ээкке жеген неме эми эсине келди да:

- Өлтүрдү, жарда-а-м! - деп айкырык сала эшикти муштуму менен соккулап, буту менен тепкилеп жиберди, минткени сактанганы тепкилейт деп корккону эле. Эшик ачылып дежурныйлардан экөө киришти:

- Эмне болду?

- Мобу немеңер өлтүргөнү жатат. Мени чыгарбасаңар өлдүм, - деп тиги экөөнүн артына корголоду.

Эки милийса камераны жаап кетип кайра бат эле келишти да, Мырзабекти ээрчитип чыгып башка камерага камашты. Кечээ эле кол астында иштеген бу жигиттер бейтааныштай, сүйлөбөйт. Аларда эмне күнөө, ошондой буйрук алды да.

Облустун прокурору, милийса начальниги биригип жогор жак менен макулдашпаса бир шаардын начальник милийсасынын барандуу орунбасары, подполковникти камаш, камаганда да уголовник-шантрапалар менен бир камерага камаш оңой иштерден болбойт эле. Мырзабек муну беш колундай түшүндү. Министрликте өзүн колдочу чоңдордон жакшы мамиледеги колдоочусу жок. Генпрокуратурага кайрылса ал жерде сөзүн укпасын билет, бийликтегилер бири-бири менен чырмашкан эмеспи. Президентке жетиш азап, жеткен күндө да андан пайда жок, бийлик менен байлыкты гана ойлоп өз арбайын соккон неме небактан эле өлкөсүндө кор болгон адамдардын тагдырына кызыкпай калган.. . Камерада жалгыз жатып Мырзабек ушуларды ойлоду. Эмне кылыш керек деген суроо жадата келе берди, жооп табылбайт. Айласы куруйт. "Урдум" дейт кайра. Билгендерин кылып алышсын. Бир башка - бир өлүм.. . Эки баласы менен аялынын тагдыры кантти. Мырзабегим тың чыкты деп өмүрүн күндө тынбай тилеп турчу карыган атасы менен тың чыкканынан эсеби жок амандыгын гана тилеп, кудайга жалына берчү энеси уулунун камалганын укса шору кайнады го карыганда.. .

Мырзабек ошол күнү да, түнү да өз ою менен кармашты, эшик кагып эч кимди чакырган жок. Эртеси да жатты тынч. Көк сорпо алып келишти эле караган да жок.

Үчүнчү күнү эртең менен бир чечимге келгендей эшик какты. Бат эле эшик ачылып, бир милийса суроолуу тиктеди.

- Дежур бөлүмдүн начальнигин чакырчы, - деди Мырзабек, - же мени ээрчитип барасыңбы?

- Айтайын, - деди тиги. Бу жаш милийса Мырзабекти жакшы сыйлагандардын бири эле. Айласы жоктон турат, болбосо азыр бошотуп жибермек.

Бир аздан кийин ал кайра келди да, эшикти эмес, кичинекей тешикти ачып:

- Бошобой жатам дейт, - дегенде Мырзабек тешикке эңкейе берип, акырын шыбырады:

- Самат мага кезиксинчи.

- Макул, айтайын.

Самат ушул шаардык милийсанын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, угронун начальниги. Мырзабек жактырган аз жигиттин бири. Өзүнөн үч-төрт жаш кичүү болсо да теңтуш болуп алышкан. Бири-биринен кенедей да сыр жашырышпайт. Мырзабек сыяктуу эле ал дагы начальникти жининдей көрөт. Башка жерге которулуп кетем деп жүргөн эле.

Мырзабектин камалганын угуп түз эле начальникке киргенде тиги: "Керек болсо сен да соо калбайсың!" деп кабинетинен кетирген. Самат Мырзабекчесинен кер-мур айтышып турган жок, эшикти дал Мырзабектей жаап чыгып кеткен. Ошол эле күнү тамак алып Мырзабекке киргизейин десе киргиздирбей коюшту. Дежур бөлүмдөгүлөр катуу тапшырма алышкан да, аны аткарган офицерлер начальниктин өл десе эмнеге дебей өлүп берчү маңкурттарынан болчу. Самат өзү да Мырзабек менен кантип жолугардын жолун издеп жаткан.

Досунун жолуксун деген өтүнүчүн айтып келген жаш жигитти анын шашканына карабай кармап түн ичинде эч кимге билдирбей Мырзабектин камерасына киргизүүсүн суранды. Кире бериште отурган дежурлар Самат экинчи кабаттагы кабинетинен камералар тарапты көздөй өткөндө көрбөйт. Жаш жигит макул болду.

Түн ортосуна чейин кабинетинде иштеген болуп отурган Самат саат бирлер чамасыда Мырзабектин камерасына кирип сыртынан бекиттирди, камдай келген тамагынан жедирди. Экөө таңга маал гана коштошту, көп сөз сүйлөшүп.. .

***

Мырзабекти төртүнчү күнү түн ортосуна жакындап калганда чыгарышты. Эч ким эч нерсе деп айткан да жок. Мырзабек да сураган жок. Үйүн көздөй шашып барат, аялын, балдарын сагынып калыптыр. Көчөдө бирин-серин машина өткөнү болбосо, баскан адам жок. Үйүнө аз калган. Бир маалда тизилген гараждардын арасынан үч-төрт караан карп-күрп чыга берип Мырзабектин эсин жыйдырбай кол салып жиберишти. Таяк, арматуралар туш келди денеге тийип көз ачып жумганча Мырзабектин денеси сулк жатты. Ошол сулк жаткан дене да бир сыйра жанчылды.. .

Ошол гараждардын арасына байралып жүргөн бир селсаяк бар эле. Эки гараждын ортосундагы далдоо жерге кардон кагаз салып, анын үстүнө ит тыткандай пальтосун төшөп үстүнө дагы бир тамтыгы жок пальто жамынын жатып түн өткөрчү. Анан таңзарынан акыр-чикир аралап керектүү деп тапкандарын ак жаралып, каракокочо болгон баштыгына салып базарга жөнөчү. Кечке ошол жакта болуп тапканын таап, сураганын сурап жеп, ичип анан кеч киргенде ушул жерге келчү. Кебетеси эми өлөт, ана өлөт болуп көрүнгөнү менен жаны бек неме эле.

Дал ошол селсаяк тапыр-тупур дабыштан ойгонуп кетип Мырзабектин жанчылганын баштан аяк көрдү. Жаткан жеринде отуруп көрдү. Дым чыгаргандан, ордунан обдулгандан коркуп моло таштай кыймылсыз эле. Качан гана сабагандар кетип, берки сулк жаткандан кийин далайга козголо албай анан ордунан аяр туруп тиги денеге барды. Ай жарык эле, анан да ага нараактагы жарыктын нуру да түшүп турган. Селсаяк эңкейе берип селт этти. Мырзабекти тааныды. Көргөн сайын: "Эй, бу жерден кетсеңчи" деп калчу. Чындап куубай эле ошентчү. Анын милийса экенин, кайсы квартирада жашарын да билет. Бир аз делдейип турду да: "Өлтүрдү-ү!" деп каргылданган үнү мене бир катуу бакырып туш-тушка делдектей чуркады. "Өлтүрдүсүн" кайталап озондой кыйкырат. Аз өтпөй гараждар маңдайындагы беш кабат үйдөн жарык күйүп, бат эле сыртка эл толуп кетти.. .

Денеден тамтык калбай жанчылган Мырзабек үчүнчү күнү көзүн ачты. Башы жарылган, кабыргалары сынган. Операция жасап, дарылаган врач Саматка түз эле айтты: "Мал болуп кетет деп гарантия бериш кыйын" деп.

Самат да, Мырзабектин эне-атасы менен аялы күндүр-түндүр ооруканадан кетпей жакын адамынын өмүрүн тилеп турушту. Карыган эне-ата ошол күндөрү таптакыр эле чөгүп калышты. Бөтөнчө энеси өз денесинин бар-жогун сезбей, оюн токтото албай жинди болгондой кеп-сөздөн калып көз жашын сүрткөнгө араң чамасы келет. Өмүр бою активчалыш болуп иштеп келген, өмүрүн таза өтөй келген, нарктуу карып бараткан атасы өңгө көрбөсүн деп көз жашын сүртүп коюп дүйнөсү тарыйт. Жалгыз бир тууганы Туратбек буркурайт: "Байкемди чала өлүк кылгандардын түбүнө жетем" деп. Ким анткенин билбесе да ошентет. Мырзабектин аялы боздойт, а жетпейт, бу жетпейт деп урушканын эстеп, кап, ошондо бекер урушупмун дейт. Мырзабектин тирүүлүгү баарынан кымбат экенин эми сезет.. .

Самат эч кимге айтпай жеке изилдөөсүн баштаган. Досуна кол салгандарды өмүрүн сайса да табат, өз колу мнене жазалайт. Ушул оюна бекем турду. Кайдан издээрди, кантип издээрди билет Самат. Мырзабек оңолуп кетсинчи эң оболу. Анан.. .

Бир шаардын милийса начальнигинин орунбасарын чалөлүк кылып жанчып кеткени такыр эле болбогон, ойго келбеген окуя болчу. Бул окуя көчөдөгү селсаяктан баштап губернаторго чейин жетип, ал жөнүндө жалпы журт түркүн түстөгү божомолдорду айтып турушту.. .

Бул окуя министрге чейин жеткени менен ал тараптан эч кандай көрсөтмө болгон жок. Бакандай подполковниктин көчө бандиттеринин тепкисинен аз жерден өлбөй калган бу окуя эки мастын мушташындай эле бааланып турду көрүнөт. Бу бийликте отургандардын кылганы. Эпадам алар кааласа ошол эле эки мастын мушташын килейген окуяга айлантып салбайбы.

Мырзабекти колдогондор, ага жан тарткандар, албетте бар. Бирок кызматтары кичине. Эч болбоду дегенди министрликтеги барандуу полковниктердин бирде жарымы өз киши болгондо эмне. Өлүм алдында жаткан немеге Саматтан башка эч ким басып келбеди. Баары кызматынан коркот, начальниктин куйругун баспайлы деп жеке арбайын согот. Мырзабек күпүлдөп иштеп жатканда ага жакшы мамилесин таңуулап-тартуулап жүргөндөрдүн бири келип абалын сурабады.. .

Кийин Мырзабек эсине келип, жакшы боло баштап эшикке кирип-чыгып калганда ошол жөнүндө ойлоп бүгүнкү жигиттердин "суужүрөк" болуп өмүр өткөзүп жатканына зээни кейиди, жини келди. Атаңдын көрү де, ошолордун баары болбосо да бир-экөө Саматтай болсо эмне?

Самат күндө бир-эки маал келет. Иши күйүп атса да шашпай отуруп, сүйлөшүп кетет.

Бир күнү Самат көңүлдүү келди:

- Мыке, сага кол салгандарды таптым.

- Ии.. Айтып көрсөң, мен ойлогондор болуш керек.

- Камерадан бирөөнү жаткыра тептиң беле?

- Дал мен ойлогондор экен да.. . тепкем, ии?

- Ошол эшек уюштуруптур.

- Өзү антпейт эле, бирөө акыл кошкон э?

- Чогуу изилдешкендей айттың да, - деди Самат. Анан болгон ишти айтып берди.

Окуя мындай болуптур да. Мырзабекке камерадан тийишем деп ээкке жеп эси ооп оңолуп, анан ич күптүсү, намысы ичине батпай, колунан келсе Мырзабекти тирилей кескилеп салгысы келген Кыдырбаев деген неме шаардагы бир кафенин ээсине рэкеттик кылам десе тиги ынабай койгондо эки шериги менен аны тепкилеп, кабинет делген бөлмөсүндөгү сейфин ачтырып ичиндеги акчасын бүт шыпырып кеткен. Маңдай тиши ыргыганы аз келгенсип акчасынан да айрылган неме бу бандиттердин "Эгерде милийсага арыздансаң өлдүң, алар бизге өз кишилер экенин унутпа, козел" деп дагы бир сыйрадан тээп өтүшкөнүнө карабай милийсага арызданып Кыдырбаев камалган эмеспи.

Кыдырбаев ушул аймактын кримдүйнөсүн кыңк эттирбей кармаган, бүтүндөй өлкөнүн биринчи авторитети аталган неменин оң колу "Болуш" деп койчу жигиттин кол бала жигиттеринен эле. Орусча буларды "шестерка" деп койот. Алар майда-барат тапшырмаларды аткарат, банданын, анын башында турган авторитеттин сырларын билбейт. Антсе да өздөрүнүн "шестерка" экени менен иши жок демдүү жүрүшөт, кыйын сезет өздөрүн.

Кыдырбаевди милийса кармап кеткенин уккан Болуш дароо милийса начальниги менен байланышканда ал: "Камтама болбо, бошоттурам" деген. Мырзабекти чакырып бошотуп жибер десе, ал эмне жооп кылганы белгилүү эмеспи.. . Начальнигинин Мырзабектен тил угуп катуу намыстанып калганын көрүп тергөө бөлүмүнүн башчысы Байтереков Кыдырбаевди Мырзабектен эки саат мурун бошотуп: "Мырзабек жыга тээптир дейт. Айбан десе, милийсаны кеп-сөзгө калтырган" деп Кыдырбаевге жан тартып, түз айтпаса да Мырзабектен өч алууга эмнеге болбосун дегендин четин чыгарып, аны түн ортосуна чейин бошотобуз дегенди айтканда Кыдырбаев түшүндү. Түшүндү да камактан чыгары менен жолдошторун топтоп Мырзабекти үйүнүн жанынан күткөн эмеспи.. .

Мунун баары Самат өз каналдары менен изилдеп отуруп бир жуманын ичинде аныктады да Мырзабекти чала өлүк кылгандардын баарын бирден кармап кылган ишинин чыпчыргасын калтырбай жаздырып кол койдурду. Ал иш оңойго турган жок, коркутуп-үркүттү, моюндар капшыра кармалды. Анан ошол жазылгандарды алып начальнигине кирип алдына таштады.

Начальник кагаздарды көңүлсүнбөй бат эле окуду да:

- Зордуктап моюндарына алдырган жоксуңбу? - деди кыжырдана.

Самат да кыжырлуу эле:

- Кандай болсо да моюндарына алышты да. Камайбызбы?

Начальник оройлонду:

- Эй, камаганды койо тур. Адегенде момуну бүтүрөлү.

Ал эки барак кагазды Саматтын алдына таштады.

Кыдырбаевдин начальниктин наамына жазылган арызы экен. Мырзабек камерага кирип жөндөн-жөн эле тепкиленип, атып салам деп опузалаганын жазыптыр. Беш-алты неменин колдору жүрөт күбө катары.

Самат барактарды начальниктин алдына таштады:

- Бандиттердин куурчагына айланган экенбиз да.. .

- Сен эмне деп былжырап жатасың, ыя?

- Милийса эмей эле куурчак болуп калганыбызды айтам.

- Ким куурчак?!

- Мен! - деди Самат ордунан туруп, - анан Сиз дагы!

Начальниктин ачуулана айкыра токто дегенин укпай кабинеттен чыгып кете берди. "Мырзабектин түбүнө жеткени калышкан экен" деди ичинде.

Жигиттеринин Мырзабекке кол салганы билинип, аларды угронун начальниги бирди көрсөтөм деп жатканын уккан Болуш түз эле милийса начальнигине телефон чалды.

- Болот, кандай саламатпы?

- Саламат. Ии чалыпсың, - деди Болот Болушту үнүнөн таанып.

- Телефондон эле айта берсем болобу?

- Болот. Айтып эле жүрбөдүң беле. Мени тыңшап өлалбай жүрүшүптүрбү, эмне?

- Самат дегениң менин жигиттериме "жүк артып" жатыптыр го, кой деп койо аласыңбы?

- Арта албайт, - деди начальник, - ал суу мурун жигиттериңе айтып кой, "угронун начальниги кыйнап, сабаганынан мойунга алганбыз" дешсин. Ошону жаздырып мага бердирип кой.

- Рахмат! Мага башка сөзүң жокпу?

- Айтпай эле койойун дедим эле. Өзүң сурап калбадыңбы, алтынчы күнү кайненемдин жетимиш жылдыгы болот. Менден үмтөтө берген немелер.. .

- Түшүндүм, - деди Болуш, тигинин сөзүн бүтүртпөй, - кечинде үйүңө барат. Болуптур.

Болот үйүнө кеч келди. Начальник эмеспи, ишинде көп кармалат. Ал келгенче Болуш жиберген жигит короодо жүрүп чыйрыгып да кетти. Болоттун аялы килейген үйдүн бир бөлмөсүнө киргизип, эч болбоду дегенде бир пияла чай ичирбеди. Дарбаза каккан жигитке эшик ачып күйөөсү азыр келерин айтып үйгө кирип кеткен бойдон дайны жок. Болуштун жигити килейген короодо наркы-терки басат, үйдүн бир терезесинин түбүнө коюлган орундукка отуруп тамеки тартат. Бул жерге которулуп келгени жыл айлана элек болсо да ушул шаардагы килейген үйлөрдүн бирин сатып алган начальниктин байлыгына суктанат. Короонун төр жагындагы оозу ачык гаражда жапжаңы "Ауди" машинасы турат. А да суктандырат жигитти. "Мунун баарын кайдан табат?" деп ичинде ойлонуп койот. Болуш берип жиберген миң долларды ой учугу кылып ойлобойт. Ушундай жүзүкара акчалар заңгыраган үй менен зымылдаган машина таап берип жатканына мээси жетпегендей.. .

Тээ бир кыйла убакыттан кийин начальник кирди короого. Жигит ордунан туруп утурлай басып салам берди:

- Саламатсызбы?

- Саламат. Ии, кел.

- Болуш жиберди эле.

- Аа, кир үйгө.

- Жо, ушул жерден эле кетейин, - деп жигит резина менен туура арчындалган долларды сунду. Бул миң доллар болчу. Болот аны алып курткасынын чөнтөгүнө салды:

- Жүрү, нан ооз тийип чык.

Милийса начальниги минтип айтып жатса бандитте каршылык жок эмеспи, баштай баскан Болоттун артынан кирди. Болот чечинип, жигитке төркү үйдөгү дивандан орун көрсөттү. Бат эле стол үстү жайнап, Болот өз колу менен арактан эки рюмкага куйду:

- Ке, алып жиберели.

Келген жигит ичкиликти кээде гана өтө кыйбас адамдары менен иччү. Азыр ичпейм деген жок, тартты. Чай ичилди. Рюмкалар үч-төрт иреттен кайталанды. Начальник деле көп ичпейт. Негедир бүгүн ичкиси келип турду. Жана облначальник менен бир топ сырлар айтылып дурус маектешкени, анан да куртка чөнтөгүнөн алып шым чөнтөгүнө салган доллардын демиби, жакшы ичти. Арак дегениң бу начальник, бу бандит деп бөлүп отурбайт эмеспи, экөөнү бирдей кызытты.

Болоттун жакшы мамилеси жигитти ачык-айрым сүйлөтүп турду. Бир маалда айтыбатпайбы:

- Болот байке, килейген үйүңүз ичи толо кымбат оокат экен, сонун машинеңиз бар экен, борбордо да заңгыраган үйүңүз, анан төрт бөлмөлүү квартираңыз бар дейт. Кыйын киши экенсиз, - деп.

Ушул сөздү уккан Болот селт эткендей болду. Маңдайында бандит отурбай эле тергөөчү отургандай сезилди. Тергөөчү болгондо да генпрокуратурадан келгендей. Башын чулгуп алды:

- Эй жигит, бир аз көңүл көтөрдүк окшойт, эми эс алалы. Эртең иш көп. Кана, оомийин!

Жыргап отурган жигит эмне болуп кеткенин түшүнө албай айласыз ордунан туруп, сыртка басты:

- Жакшы калыңыз.

- Болуптур.. . - деди Болот ооз учунан. Узатып чыкпады. "Бу жигит анткен менен кызык сөз айтты, - деди ичинде, -Бишкектеги үйлөрүмө чейин билет экен. Демек, ал жөнүндө сүйлөшүшкөн, бул элдин баары билет деген сөз. Бир көзүң экинчисине жоо болуп турган заманда башка күн түшсө.. . " Болот чөнтөгүндөгү долларды шарт сууруп короого чыкты да ун-пун сактачу складга кирип улам бир жерди дааналап жатып катты. Мурун минтчү эмес. Министрликтеги коопсуздук кызматынын же прокуратуранын кызматкерлери мына-мына кирип келип аңтарып-теңтерип, каткан долларды сууруп чыкчудай болот. Элеңдей басып дарбаза бекитти. Үйгө кирди. Аялы небак жатып алган эле, аны ойготту:

- Эй, баягы акчалар кайда?

Уйкудан чала ойгонгон аялы чочуп кетти:

- Эмне болуп кетти, ыя?

- Эчтеке болгон жок, акча кайда дейм?

- Кайда болмок эле, турат ордунда.

- Апкел.

- Өзүң эле албайт белең, уйкуну бузбай.

- Эй, уйкуңду урганым жок, бар апкел! - Аялы кайра уктап калса өзү жалгыз калып, жардамсыз калса бирөөлөр кармап кетчүдөй корккон неме аялын тургузду. Анысы тултуңдап, жулкулдай туруп көп бөлмөнүн биринен чоң таңгак акчаны алып келди. Анда долларың да, сомуң да бар чоң сумма болчу.

Болот акчаны алып, жанагы складга кирип кетчү жердин ыгын келтире албай кайра чыкты. Бираз короодо туруп, анан үйдүн чатырына чыгып үй жылытчу батареяларга кетчү суу куюлган килейген темир бочкеге чулганган эски-уску кийиздердин арасына катты да, кайра түштү. Санаасы тынчыгансып калды.

- Тезинен машинени сатып жиберейин, - деп чечти, - машина аялына катталган, ошондой болсо да.. . Бишкектеги килейген үйү болсо аялынын сиңдисине катталган, коркунуч жок. Бирок аны да саттырып, акчасын ошол балдызынын атынан бир ишенимдүү банкка салыш керек. Же дагы бир аз топтоп туруп чет өлкөлөрдөгү банктарга салсабы. Президенттен министр, губернаторго чейин салып жатышат го. А турсун милийсадагы кээ бир генералдардын чет өлкөдө акча эсеби бар деп жүрүшпөйбү.. . Ушундай ойлор менен бирге бир далайга олтурган Болот көпкө жатты. Арам акча тынч уктатпайт деп көп укса да өз башына биринчи жолу келгенине саресеп салган жок, азабын тартып турду, аздап.. .

Самат Мырзабекти сабап кеткендердин маселесин эмне кылабыз деп начальникке дагы кирди.

Болот аны акшыя тиктеп кабыл алды да сөзүн баштаганда эле бөлүп таштады:

- Сен зордук менен моюнга алдырган турбайсыңбы, ыя? Эмне милийсаны дагы да жаманатты кылганың барбы, энеңди урайын акмак! Ме, мобуларды оку. Кабинетиңе барып оку!

Самат мындай сөгүүнү көп жылдан бери уга элек эле, укса милийсага кирген алгачкы жылдары уккан. Жашы отуздан небак өтүп жакында эле майордук жылдыз тагынып турган немеге "энеңди" дегенди угуш өтө эле оор көрүнбөйбү, эмне жооп кыларын билбей туттуга түштү. Тумшуктан ары бир берип, деле ушундан көрөйүн деп барып өзүн араң токтотту. Анткен күндө азабын тартарын дароо ойлоно калды. Тил кайрыган да жок, кагаздарды бырыштыра апчый кармап эшикти тарс жаап чыгып кетти. Кабинетине барып муун-жүүнүн токтотуп бир аз отуруп, удаасы менен эки ирет тамекисин тартып анан кагаздарды жазып окуп кирди. Кыдырбаев менен анын шериктеринин арыздарында түрүшумдук жалганы жайнайт. Аны жаздырган билимдүү адам көрүнөт. Самат Кыдырбаевдикинен башкасын окуган да жок. Столунун суурмасын ачып арыздарды салды. Ордунан турбай чайкайнам отурду да, анан бир чечимге келгендей ордунан шарт туруп сыртка жөнөдү. Түз эле Мырзабекке. А кезде Мырзабек алданемедей тыңып, эшикке кирип-чыгып калган. Бирок докдурлардын айтуусунда көп баспаш керек, мээси катуу чайкалган эмеспи. Самат киргенде Мырзабек керебетинде жатып ушуга чейин толук окубай уят болгонсуп жүргөн "Манастын" килейген томдугун окуп жаткан.

- Салоомалейкум, Мырзаке!

- Алекисалам. Кел, кел.

- Бу килейген китептен коркпой кантип окуп жатасың, ыя? Мен мындай китепти окугандан эмес, колго кармагандан корком.

- А сен коркпо, - деди Мырзабек жылмайып, - Манастан да коркчу беле кыргыз баласы. Бабабыз да.

- "Манасты" анткен жокмун, чоң китепти окугандан корком деп жатам.

- Муну окусаң, мындан кийин коркпой каласың, - деди Мырзабек, -бүгүн түнү бүтөм, анан сага берем. Окуп чык.

- Азыр аны окуганга убакыт жок. Жанагы Болот деген козел менен бир иштеген адам кантип китеп окусун.

- Сен эмне мектептен окуган жок белең, "Манас" деген окурманды патриоттуулукка, баатырлыкка тарбиялайт дегенди. Муну окуп чыгып Болот-солоттордун чакчелекейин чыгарбайсыңбы, - деди Мырзабек китепти көрсөтүп тамашалай.

- Бу китепти окуп бүткүчө Болотуң баарыбызды жеп бүтөт го. Айбан!

- Ии, айт эми айтчуңду. -Мырзабек Самат бир маанилүү сөз менен келгенин билип кулак төшөдү.

Самат болгон ишин айтып берди да аягында минтти:

- Бүгүн түнү менен жөнөп, эртең таңэртең менен кирем.

- Ошонуң мага көп жакпай турат, - деди Мырзабек, - бир балээге чалынасыңбы деп корком. Мен үчүн күйүп жатканыңды беш колдой билем, бирок азырынча ошол ит менен кармашпай эле койсок болот эле.

- Сен үчүн да, өзүм үчүн да кармашам, - деди Самат тиштене, ошонун түбүнө жетпесем элеби!

- Баарын колуна алган неме түбүнө жеткирер бекен?

- Жөн жата берсек жеткирбейт дечи, ал эми экөөбүз чогуу киришсек бирдеме чыгып калар, - деди Самат деле өз оюнан кайтпай.

- Самат, сен угуп турсаң, -Мырзабек ини-досун далыдан таптай сөзүн улады, -Болот деген ушул орунга кантип келгенин билесиңби?

- Кошомат менен жетти да.

- Туура, кошомат да бар дечи. Бирок, негизги ролду акча ойнорун билбейсиңби? Биздин системадагы эң бир бай неме ушул эшек. А турсун өмүр бою акча менен ойногон тиги министрликтеги генералдардын эч кимиси Болот менен теңтайлаша албайт акча жагынан.

- Ошондойбу, - деди Самат таңкалып, -акчалуу деп уккам, бирок, анча бай экенин билбепмин.

- Билбесең, билип ал. Анын атасы өмүр бою керек-жарак союзунда иштеп дүнүйөнү аябай баскан экен дешет. Акчанын көбүн алтынга айландырып жүрчү тура. Болотко калган дейт ошондон. Бир иниси бүт облустун бензинин камдагандардын бири. Кайнатасын билесиң го полковник болуп пенсияга чыккан. Азыр улуу уулу негиздеген фирманын ишин сыртынан көзөмөлдөшөт. Россиядан курулуш материалдарын ташып, бу жактан жашылча-жемиш жөнөтүшөт экен. Болоттун биз билгенден эле үч үйү бар, билбегенибиз канча. Баса, ар кай жерде жүз чамалуу жылкысы бар дейт. Азыр жылкы канча экенин билесиңби?

- Семиздери онбеш-жыйырма миңге чамалап барат го.

- Ии, анан эсептеп көрбөйсүңбү. Бу жердеги бизнесмендерден канча алып жатат, а турсун, Болушка чейин ташып атпайбы. Акча менен жеткен бу кызматка түшүндүңбү? - деди Мырзабек Саматтан көп билерин көрсөтүп, -жалгыз кошомат менен азыр иш жүрбөй калган. Кандай абалга кабылбасын акчасынын күчү менен шыдыр турмушун өткөзө берет, ал итиң.

- Ошону тескеп, бетин ачсакчы?

- Кантип ачасың. Аччу адамдардын баарын колуна алып койсо. А турсун министрибиз да бу итти колдойт экен дегенди укканым бар.

- Анан эмне кылышыбыз керек?

- Эмне кылышты азырынча так билбейм, бирок сен тандаган жол менен эч нерсе кыла албайбыз, түшүнбөйсүңбү эмне. Бири-бирине чырмалышкан немелер сени жөн койбос.

- Баары бир барам, - деди Самат дале оюнан кайтпай, -бир аракет кылып көрөйүн, болбосо.. . Болбосо маңдайга жазганды көрө жатарбыз.

- Же ит аткандай атарбыз де, -Мырзабек күлдү. - Ошол жол оңой, тынч жолго караганда.

Бу тамаша сөз Саматты шарт эле бир ойго алып келди:

- Атып түшүрбөсөк, жөн түшпөйт дечи?

- Ии.

- Чын эле айтып жатасыңбы? - деди Самат Мырзабекти сынай карап.

- Жармы жалган, жармы чын, жанында турган киши жок, - деди Мырзабек дале тамашасынан жазбай.

- Түшүнбөдүм?

- Бир күнү түшүндүрөм, эгер мени түшүнө алсаң. Андан көрө жанагыга жооп берчи, Бишкекке барбай эле койосуңбу?

- Барам. - Самат кескин жооп берди. -Түнү менен жөнөйм, айттым го, бир аракет кылып көрөйүн.

- Көгөрүп алыпсың өзүң бил, - деди Мырзабек, - мен үчүн бир балээге кабылбаса экен деп санааркап жатпаймынбы.

- Сен үчүн эмес, өзүм үчүн. Болуптур, мен кеттим. Өзүңдү жакшы карап, докдурлардын айтканын уксаң. Мен бүрсүгүнү эле келем.

- Жакшы барып кел. Сак бол, - деди Мырзабек Саматты кучактай кысып, -азыр көп курчтуктун пайдадан зыяны экенин эсиңден чыгарба, уктуңбу?

- Болуптур.

***

Самат машинасы менен үйүнөн түн ортосунан оогондо чыгып таңкы саат сегиздерде министрликте болду. Үч-төрт жакшы тааныштарынын кабинетине кирип учурушкандан кийин министрликтин өзүнүн коопсуздук кызматынын начальнигине кирди. Бул элүүлөргө чукулдап калган полковник көп сүйлөбөгөн, ишине дили менен берилген, ушуга чейин баскан жолу сыдыргыга салгандай таза болбосо да болушунча таза иштеп келген неме эле. Эпадам бүт баары өз колунда болсо ак дилден өтөмөк кызматын. Бирок азыр ак дил болсоң талаада каларың бар, тегерегиндеги кызматы чоң, кичине шүмшүктөр кимди таза иштетмек. Бу полковник да кээде министрдин болбосо анын орун басарларынын сөздөрүн кыя албай айласы жоктон далай ишти көз жаздымда калтырар эле. Аттиң деп жасачу ал иштерди.

Самат аны менен амандашып маңдайынан орун алды.

Полковник Саматты жекече тааныбайт эле, Самат болсо бу киши жөнүндө көп эле уккан.

- Айта бериңиз, - деди полковник мисирейген калыбында.

Самат өз начальнигинин кылыктарын, Мырзабекке жасаган иштерин, анын пара ала тургандыгын чыпчыргасын коротпой айтты да аягында:

- Жолдош полковник мен ушактап келген жокмун, анын көзүнчө да айта алам, - деди.

- Айткандарыңызды далилдеген документтер барбы?

- Жок. Анын иштерин документтештирүү менин колуман келбейт.

Полковник саамга ойлонду да:

- Баарын түшүндүм, кете бериңиз, - деди. Түшүнгөндө эмне чара көрөрүн айтпады.

Саматтын бул айткандары же өзүнүн, же Болоттун түбүнө жетери бар эле.

Самат ошол эле күнү кайра кайтты.

Самат бир күнү иште болгон жок эмеспи. Начальнигинен да орунбасарынан да суранган эмес. Ошол бир күн жок болуп, ишке чыккан күнү эртең мененки чогулушта начальник сөздү Саматтан баштады:

- Сен кечээ кайда жоголдуң, ыя?!

- Шашылыш иш чыгып калды, - деди Самат эч нерсе болбогондой.

Ишке себепсиз келбей калып анан да бу жерде тоотпогондой отурган кызматкерине ачуусу аша келип, анын үстүнө башкалардын көзүнчө жүрөктөрүн түшүрө бир күпүлдөп алайын дедиби Болот катуу кетти:

- Эй, айбан, ишиң чыкса суранбайсыңбы?! Көбөйүн деп калгансың го?! Көпкөнүңдү чыгарайынбы ыя, чыгарчу жерден! Экинчи ушинтсең тим эле жерге киргизип жиберем, уктуңбу?! Муну көр ой, иш чыгып калды деп камаарыбай отурганын! Эй, уктуңбу деп жатам?! - Атайылап мыйыгынан күлүп, а турсун келекелеп жаткандай көрүнгөн Саматтын кебетеси Болотту жарылта жаздады:

- Эй, энеңди урайын эшек, жогол бу жерден! Бүгүндөн баштап начальник эмессиң! Бар, чыгып кет!

Саматтын жини эми келди:

- Эй сен эмне күпүлдөйсүң, ыя? Сен кет алдагы акчага сатып алган ордуңдан! Эмне аныңды билбейт дейсиңби, ыя?! Мобу отургандардын баары билет.

Отургандарда жан жок, баштарын шылкыйтып жерге кирип кетчүдөй отурушат. Күпүлдөйм деп өзүнө катуу сөз тийгизип алган Болот эмне дээрин билбей кыпкызыл болуп чыңалып кетти. Анан айткан кеби бу болду башаягы жок:

- Эй айбан, чык дейм! Жооп бересиң ушул сөзүң үчүн! Аттырып.. . -мунусун улантып "салам" дегенин айта алган жок. -Чиритип салам. Шоруңду кайнатам.. .

Самат Болоттон жаш болгону менен андан токтоорок эле. Бу жерде турса чоң чатак чыгып кетерин сездиби, ордунан шашпай туруп кабинеттен чыгып кетти.

Өз кабинетине келип милийсадан бошотуңуз деген арызды министрдин наамына жазып Болоттун секретаршасына таштады да, кете берди.. .

***

Болот облначальник менен кенен эки саат сүйлөшүп отурду. Ишти, жеке турмушту сүйлөштү. Бир таңгак доллар облначальниктин костюмунун жанчөнтөгүнөн орун алгандан кийин сөз Мырзабек менен Саматка өттү. Болот экөөнөн тең ыза көрүп калган эмеспи, алардын эсинен эч качан кетпегендей өч алууну эңсеген немени облначальник токтотуп койду:

- Алар менен илээшип эмне кыласың. Иштеринен кеткени деле оңой сокку эмес. Ойлоп көрчү, мына азыр сени бүгүндөн баштап иштен кетирем, талаада каласың. Эч ким карабай калат. Ушул эле кол алдыңда иштегендер салам бербей калат. Сооп болду дешет.

Начальнигинин бу сөзүнө Болот көз ирмем ойлоно түштү эле, жүрөгү шуу этти. Бүтүндөй бир шаардын милийсасын кыңк эттирбей башкарып, өзүн кудайдан кем сезбей, акчанын тартыштыгынан кабары жок көпкүлөңкү жашаган турмушунан айрылып эч кимди башкарбай, эч кимден акча албай жашаган күнүн элестетип көрчү. Туура айтат начальниги, эки айбанга иштеринен кеткени катуу эле сокку болуптур. Экөөнүн кызматтары деле оңой эмес эле да. Кой, азырынча жөн койоюн, анан кийин кези келсе какшатат эмеспи.. .

Мырзабек да, Самат да милийсадан биротоло кол үзүштү.

***

Ошентип Мырзабек менен Самат милийсадан биротоло кетти. Эми мындан ары эмне кылып жашайбыз деген суроого бири-бири менен макулдашып сүйлөшпөсө да ойлору бир жерден кесилишмек. Экөө тең алар ошентет деп эч кимдин оюна келбеген жолго түшмөк.. .

Мырзабек Саматтан кийин бошонду кызматынан. Андан мурун кеткен менен кагаз жүзүндө милийса эсебинде жүргөн. Догдурдан чыгып анан гана бошонду.

Анын милийсадан кетиши туугандарына, тааныштарына дүң эле дей түштү. "Айдалыптыр, жо-ок, өзү эле кетиптир" деген эки ача сөз бирин-бири жеңе албай турду.

Уулунун иштен бошогонун атасы угаары менен Мырзабектикине келип, бир конуп кетти. Экөө тең таң агарганча чай ууртап коюп, далай жылдан бери сүйлөнбөгөн сөздөн чубап, чер жазышты. Уулунун милийсадан кеткенин туура көргөн атасы, эмки турмушу кандай болор экен деп санааркайт. Бу улунуп-жулунган заманда акча-тыйындан каржалып жер карабаса экен, чүнчүбөсө экен дейт. Колдон келген жардамын берет. Ата билет, уулунун жыйып койгон эч нерсеси жок. Ушул өкмөттөн алган үч бөлмө квартирасы, ичиндеги ортозаар жыгач-ташы менен болгон байлыгы ошол. Бу теңдүүлөрдүн баарында машинасы бар, кээсиники эки-үчтөн бар эмеспи. Ата уулу менен сүйлөшүп жатып, ушуларды ойлоду. Кор кылбайм деди ичинде. Мал-сал бар. Жетээр.. .

Мырзабек да атасы менен сүйлөшкөнү менен анын да экинчи ою чубалып турду. Кырктын кырына келгенче ушул атасына айында болбосо да жылында бир ирет семиз кой алпарып, союп бере алган жок. Кээ бир бай классташтарындай же жолдошторундай атасынын юбилейин өткөзүп, жылкыдан жылкы союп, норка тебетей, карышкыр ичиктен кийгизип элге дүң кыла албады, жылда курортторго жиберип, "быйыл атам менен энемди баланча курортко эс алдырдым, эмдиги жылы түкүнчө деген курорттон эс алдырам" дебеди.. . Мырзабектин ою ушул жол менен улам тереңдеген сайын сынып отурду, басынып отурду, атасынын маңдайында. Мына таза өткөзөм деген турмушуңдун көргөзөрү.. . Көроокат эмне, табылат, андан көрө адам бололу деген кеп азыр шылдыңдай сезилип кетти. Адамча жашаганга көроокат да керек тура. Өзүң теңдүүлөрдөн кем болуп, ошону ойлоп кичирейип турсаң адамдык ыйыктыгыңдан, тазалыгыңдан не пайда. Эчтекеге жетпеген бир байкуш деп турса таза дилиң жардамга келе албайт экен, дили таза деп эч ким бөйпөктөп сыйлабайт да экен. Андан көрө ар кадамы шүмшүк шилтенип, алдап, улуп-жулуп акчаны тутамдап жашаган шүмшүктөр кадырлуу болуп турбайбы. Азыр адамдыкты чын дилден алдыга коюп жашагандарды эгерим таппай тургандай турмуш болбодубу. Адамдыгыңды гана карап, актыкты гана самап жашап көрчү, талаада каласың, адам катарынан чыгып калышың бар.. . Аялын ойлоду Мырзабек. Жана кайнатасы келгенде өп-чөп эт менен тамак жасап жатып Мырзабекке: "Кап, акча болсо майлуу эттен алып, бир чучук кошуп салып берсек эмне" деп капаланбадыбы, байкуш. Кымбат кийимден, колго салчу шакектен кем. Көп айтат ошону. Мырзабек бир өлүмдөн калганга чейин айтчу. Азыр ал жөнүндө айта элек, ичиндедир байлыкка жетпеген арманы. Ушунун баарын ойлоду Мырзабек. Ойлоду да, дагы бир ишке аша элек оюн сууруп чыгып, демденип койду. Көрөбүз ошондо кимдин ким экенин.. . Байлыкка байланыштуу айтты муну.

***

Мырзабектин атасы туура он күндөн кийин келди. Бу жолу кичүү уулун ээрчите келиптир.

Кайната келип, келин кураштырып колдо бар тамагын жасап, ал ичилип бүткөндө Мырзабектин атасы айтып турду:

- Мырза, бу иниң экөөбүз кеңешип туруп сага бир машине мингизели деп сүйлөштүк, - кичүү уулуна кайрылды, - кана алып чыкчы. -Кичүү уулу ийинге асынма сумкасын алып келип, ичинен беш-алты таңгак акча алып чыгып, Мырзабектин астына койду.

- Бу эмне кылганың, ата?! - деди Мырзабек шаштысы кете. Сөзүн эмне деп улантарын билбей калды эле, атасы улантты сөздү:

- Эмне кылганым болсун. Бир машина минип алсын дедим. Жоро-жолдошторуңдун баары минип жүрсө. Мин да сен деле.. .

- Минбейм, - деди Мырзабек дале эмне айтарын билбей, - жинди болдумбу ушул жашка келип, сага машине алдырып.

- Мен эмес, мобул алперип жатат, мен аз эле коштум, - деди атасы жандалбас кылып, -жеткиче шашып сүйүнүп келсе.. .

Ишинен деги кетти. Чүнчүп жаман болбосун. Машийне алперейин, аны минип аржак, бержакка айдап, кичине көңүлү көтөрүлсүн, башка иш тапса пайдасы деле тийбейби деп чечкен ата бээсин тайы менен, анан саап турган уюн былтыркы торпогуна, байлап жүргөн эки коюн кошо сатып, кичүү уулуна өзү арнап берген бээсин кулунуна кошуп саттырып, туура элүү миң сом кылып алып келген эмеспи. Акчаны кайдан таптың деп Мырзабек баары бир айттырмай болуп кыйнаганда айтып жатпайбы.

Мырзабек машина албайм деп, атасы аласың дейт. Анан далайда барып Мырзабек атасын жеңчү сөздү айтты:

- Эгер машина алсак милийсада иштеп жөн жүргөн эмес экен. Тазасынып жүргөнү менен бу жеткен шүмшүк турбайбы. Милийсадан кетери менен жеп-ичкен акчасына машине минди дебейби. Сен эмне ошентип айтсын дейсиңби, ыя ата?

Бул сөз атасын ойлонтуп таштады да, бир аздан кийин:

- Сеники да туурадыр, балам, - деген сөздү айттырды.

Жанатан бери экөөнүн сөзүнө күбө болгон Мырзабектин аялы менен иниси "алса эле болмок" деп ичтеринен өкүттө калышты.. .

Атасы Мырзабекти далайга көндүрүп жатып он миң сом таштап кетти.. .

***

Болот өзүнө баш бербеген Мырзабек, Саматтан кутулганы менен өчү канбай калгандай болду. Экөө тең алдына келип чөгөлөп, боздоп берсе өчү канар беле, болбосо экөөнү тең өмүр бою майып болуп, жалаң арзыбаган пенсияга жашап кор болуп өткөнүн көрсө же таптакыр эле жок кылып жиберсечи.. . ошондо канмак өчү. Жандүйнөсү жалаң гана жамандыкка толгон неме баягы облначальник "аларды жөн кой, ишинен айдалганы оңой сокку эмес" деп айтканда ырас эле деп аз күн тынчый калганы менен кийин жек көрүүсү кайра козголгон.

Бир күнү Болуш өзү келип, өз колу менен тутам доллар тапшырып, кечинде саунага чакырып "баары болот" деп кетти.

Болот жумушунда түн киргенче отуруп, милийсадан анча алыс жерде күт деген Болуштун машинесине отуруп, саунага келишти. Болуш Болотту саунага чакырганда башка эч кимди кошпойт. Сыртта гана кайтарган жигиттери дагы бир машинада зарыгышат. А турсун сауна ээси да көрбөйт Болотту. Дүйүм тамакка толгон стол даярдалат, бу шаардан оголе алыс дагы бир шаардан үч-төрт кыз алдырат. Ушунун баары Болоттун шарты. Милийса начальниги саунада шапар тээп жүрөт деген сөздөн алыс болоюн дегени бу. Бирок ошентип дуулдап жүргөнүн бу шаарда далай адам билет.. .

Адаттагысындай эле Болот бу саам да көңүлдүү эле, тамагыңдын түрү жайнап турса, ага кошумча ичкилик түрү менен төрт кыздын көзү жайнаса.. . Суусуна бир сыйрадан дене эс алдырып, тамагы менен ичкилигине курсак толтуруп, кыздарына кумар кандырып шайма-шай болгон кезде Болот менен Болуш кыздардан оолактай экөө эки креслого отуруп аздап сүйлөшө кетишти. Сөздөн сөз чыгып Мырзабек менен Саматтын кебине өтүштү. Алар иштеп жүргөндө начальнигин кыкка теңебесин небак уккан Болуш:

- Ал экөөнү "жакшылап" узата албай калдың окшойт, э, - деди тигинин жарасына тийип.

- Кеч болгон жок. -Болоттун кабагы карыш салаңдай түштү дароо. -Каалаган убагымда каалаганымды жасап салуу колдон келет, алар ким экен?!

- Жардамдын кереги жокпу?

Болот азга ойлоно түшүп, анан жооп берди:

- Кандай жардам?

- Сен кандай десең.

Болот дагы ойлонду да, мыйыгынан жылмайды:

- Сен ошол жардамыңды жасап көрчү, анан аныңдын кандай экенин айтайын, макулсуңбу?

- Макулмун, - деди Болуш, айласыздан. Тигинт, минт дегенди күткөн неме азга шагы сына түшкөндөй болду.

Бу күнү Болот таңга жуук келди үйүнө.. .

***

Мырзабектин ишсиз жатканына эки айдын жүзү болду. Баягы атасы берген анан өзүндөгү иштен кеткенде алган анча-мынча акча кошулуп ошону менен күнүмдүк жашоо өтүп жатат. Бу акча түгөнгөндө бүлөмдү эмне менен багам деген санаа Мырзабекте жок. Миллиондоп белендеп койгондой коймаарек тартат. Белендеп койгону да чын болчу өз оюнда. Ал акчалар Болуш менен Болот сыяктууларда катылуу, каалаган күнү барып алат. Заманаң бөрү болсо бөрү бол дегениң Мырзабектин дилине небактан орногон, небагың жыл чамасы го сыягы. Бирөөлөрдө катылган ал акчаларды берчи деп барып алмак беле, аны алып бере турган тапанчасы даяр болуп турат. Ушундай жолго түшмөк болгон Мырзабек. Бу жол жаман жол, наадандыкка, айбандыкка алпарчу жол, бирок бул жолго ал өзү түшүп жаткан жок, ошол жолдо жүргөндөр чакырып жатат, жан койбой чакырып жатпайбы. Аларды ошол арам жолдон тосоюн деген ниети, аракети бар эле, аны ишке ашырышпайт экен, заң-закүнү болуп туруп ишке ашпачу нерсе экен ал бир. Эми ошол наадандардын жолу менен ийиндеше басып, аларга көрбөгөндү көргөзөт, күтпөгөндү көргөзөт. Өлүм менен боздогон көз жаштын кандай болорун көрсөтөт, өңгөлөргө ошолорду апкелип жаткандар. Бирөөнүн жанын сууруп, өлтүргөнүн өлтүрүп, өлтүрбөгөнүн чала өлүк кылса, жүрөгүнүн сары суусун алгандардын беш-алтоосуна көргүлүктү көрсөтсө аз эмес. Жок дегенде ошол беш-алты айбандан кутулат жалпы журт. Бу дүйнөгө келбей эле койсом эмне деп заркакшатпаса элеби өзү билген зөөкүрлөрдү.. . Ушундай чечимге келген Мырзабек. Маселе ал ишин качан, кимден баштоодо калган.. . Кызыгың кур, ушул ойду Самат да ойлоп, дилинде аны бышырып жүргөн. Баса, Мырзабекти камаганда, анан ооруканада жатканда Самат менен Мырзабек ушул ойлорунун четин чыгарышып, биракта ачык айта алышпай ичине катышкан.. .

Самат ишинен бошонору менен дароо Бишкекке көчүп кеткен. Бул шаарга ошол жактан которулуп келген эмеспи. Кайнатасы менен өз атасы кошумчалап сатып беришкен эки бөлмө квартирасы бар болчу. Самат да Мырзабектей эле эртең эмне кылып жашайм деген эзме суроодон алыс болчу. Анын миллиондорун да бирөөлөр "камдап" койгон эмеспи.. .

Мырзабек коңгуроо басканда Самат үйдө болчу. Аялы кайсы бир эларалык делген уюмда иштей баштаган, дурус табат акчаны. Ал ишинде болчу. Самат эшикти ача берип маңдайында турган Мырзабекти көз ирмем таңкала карап, анан кучактай кармап, койо берсечи далайга, сүйүнгөнүн айтпа! Мырзабек да досун көргөнүнө, анын үйдө экенине жетине албай маңдайы жарылат. Бири-биринин аманчылыгын, жашоосун кезеги жок сурашып бүтө алышпайт. Бат эле столго болгон тамак келип, чайга киришти. Ансыз кантип болсун, бир бөтөлкө ачылып стакандар кагышты. Бири-бирин ойда сагынып калышкан экен, тарабай жатат сагынычтары. Сөздөн сөз уланып отуруп, эми эмне оокат кыласыңга өтүштү.

- Ачка калмак белек, - деди Мырзабек, -бир өмүргө жетчү акчаны камдап койгом.

- Мен дагы, - деди Самат, -сеники бир эле өмүргө жетсе меники төрт-беш өмүргө жетет сеникин кошкондо.

- Бирөөлөргө каттырып койгонсуң го? - Мырзабек күлдү.

- Көп адамга.. . адамга дегенимди кара, айбандарга каттыргам. А сенчи?

- Сеникиндей айбандар менде жок бекен, а балким менде сеникинен эки эсе көптүр.

- Билгем, - деди Самат бу жолу олуттуу сүйлөп, - сага айтсамбы, айтпасамбы деп жүрдүм эле.. .

- Мен дагы.

Саматтын аялы келгенче эки дос өздөрүнөн башка жан адам билгис сөздөрүн ачык сүйлөштү, экөө дагы да бир бүтүмгө биригип антташты, илгерки бабалардай.. .

***

Болуш бу шаар менен облустун кримавторитети. Университеттин экономика факультетине кирип, аны туура он эки жылда бүтүп чыкты. Үчүнчү курста акчасы түгөнүп, эч кимге баш бербеген курсагы курулдап турган күндөрдүн биринде жалгыз бөрү болуп, түн ортосунда көчөгө чыгып, меймандап аракка чыланып келаткан атасындай болгон адамды жаткыра коюп, тонойм деп ошол тоноп жаткан учурунда патрулдун колуна түшүп калганда милийса министрлигинде иштеген жездеси эптеп сууруп чыкты эле, аз өтпөй дагы түштү. Бу жолу караңгы кире элек кыштын кеч күүгүмүндө бир аялдын норка тумагын башынан жула качып, түз эле наркы көчөдө келаткан үч милийсанын бет маңдайынан чыгыбатпайбы. Милийсага жолдуусун кантесиң. Бу ирет жездеси куткара албай калды. Анткени аял да, анын күйөөсү да барандуу кызматтарда иштеп, барандуу прокурор менен үймө-үй катышат тура. Болуш соттолуп кетти. Түрмөдөн чыккандан кийин жыл айланып кайра окууга кирип баягы жездесинин жардамы менен окуусун сырттан бүттү. Ошондон бери ушул шаарда. Адегенде бу шаардын авторитетине кол бала кызматын кылып жүрдү. Тайманбаган мүнөзү бар неме бат эле анын оң колуна айланды. Качан тиги авторитети түрмөгө түшүп, ал жактан кандайдыр бир себептер менен өлгөндөн кийин өзү такка отурган.. .

Болуштун бизнесмен деген аты бар, фирма ачып, анысы ушул шаардагы тамак-аш соодасынын көбүн жасайт. Кийин килейген ресторан сатып алды, эки май куйчу жай ачты, бизнесмен деген ат алды. Мына ушул "бизнесменге" калган бардык бизнесмендер "абадан дем алганы үчүн, Болуштун бар болгону үчүн" төлөп турушат. Төлөбөй моюн толгогондордун бири Бишкекке кеткен боюнча жок болду, дагы бири үй-жайы өрттөлгөндөн кийин бүлөсүн белгисиз жакка көчүрө качкан. Эми Болушка "жок" дегендер жок. Шаардын мэри, прокурору, соту да Болушка жарым ооз жаман сөзү жок. Акча деген жаман сөз айттырбайт!

***

Болуштун Бишкекте депутат досу бар эле. Акчасын мол коротуп, чоңдорду да, Болушту да колго алып, ушул аймактан депутат болгон. Мына ошол досу үчүнчү аял алып, эркек балалуу болуп чоң той бермек. Болуш аялын, мектепте онунчу класс окуган жалгыз уулун алып, той жемекке жөнөп кетти. Заңгыраган эки кабат үйүндө бар оокатын жасап конуп-түнөп жүрчү элүүлөрдөгү малайынын жанына эки жигитин калтырган.. .

Түн ортосу болуп калган убак эле. Эки жигит бир бөлмөдө телевизор көрүп, арактан аздап согуп коюп акчага карта ойноп, кээде чырдаша кетип энеңдилеп бири-бирине атырылып. Кара басып үй кайтарган эстеринен небак чыккан. Анын үстүнө Болуштун үйүнө даап ким келмек. Кароолчу кул короодогу үч бөлмөлүү үйдөгү бөлмөсүндө. Дарбазаны бышыктап жаап, короодо наркы-терки басып жүрүп, эми эле кирген. Кирип эле телевизор койуп, диванын көздөй басканда мышык сындуу кирген маскачан адам төбөдөн ары тапанчанын кундагы менен берип калды. Кароолчу үн чыгарганга үлгүрбөй, шалак жыгылды. Маскачан неме асынган сумкасындагы кир жайчу шпагат менен колу-бутун чырмай байлады. Эми чоң үйдү көздөй басты. Тор тартылган жарык терезеден ортосуна журнал столу коюлган креслолордо экөө отуруп карта ойноп жатышат. Алаамат келсе да иштери жок картага берилген. Сырткы эшик ичинен бекилген эмес, Болуштун үйүнөн жашынып, бекинмекпи. Маскачан терезеден жадабай карап турду биртопко. Бирмаалда эки жигиттин бири ордунан туруп бөлмөдөн чыгып кетти. Маскачан бир секирип үйдүн бурчун айлана келди. Сырткы эшик ачылып баягы жигит түз эле маскачан жашынган жакты көздөй басты, туалет ошол жакта болчу. Жигит туалеттин эшигин ача берип, жерге сулады. Маскачан арттан келип дагы эле тапанчанын сабы менен каракушка баскан эле. Маскачан сулк жаткан жигитти сүйөмөлөп, туалеттин тешигине отургузуп, чалкалата жөлөдү. Сумкасындагы шпагатты алып чыгып колун артка кайрый байлады, буту да чырмалды. Скотч менен оозу чапталды.

Маскачан эми үйгө кирди аярлай, шашпай басып. Баягы бөлмөдө калган жигит көзүн жуумп, креслосунда чалкалап кериле отурат. Өмүрүнүн бир сонун учурунбу же алдыда болчу жыргалынбы, айтор, көңүлүнө бир сонун нерсени элесинде чубап жаткандай.. . Башка бирди жеп, а да чырмала таңылып, оозу чапталды. Маскачан неме столдогу рюмканын бирин алып, арактан толтура куюп серпип жиберип, кайра куюп ичти. Анан бош калган креслого отуруп эс алгандай болду. Жана бирди тартты. Саатын карады, туптуура он эки жарым болуптур. Ордунан туруп бөлмөдөн бөлмөгө өтүп кыдырды, экинчи кабатка чыгып, эбегейсиз чоң залга кирди. Эмне деген гана оокат жок, жаңгактан жасалган стенка, кымбат диван, креслолор, дале болсо жаңгактан узун стол, жыйырмадай стул, кымбат фарфор, хрусталь вазалар, сувенирлер, телевизор, магнитофондор, картиналар, . . . Маскачан ар кай жердеги вазаларды, стенка толгон хрусталдардын баарын жердеги көз жоосун алгандай килемдин үстүнө коюп, сумкасынан балка алып чыгып, шашпай бирден талкалады. Телевизор, магнитофондор быркырады. Андан соң бычак менен картиналар, килемдер тилинди, креслолор, диван, да бычактан абийири кетти. Эми башка бөлмөгө өттү, уктачу бөлмө го. Бу жерден да балка менен бычак жакшы иштеди. Эбегейсиз зор кроваттын баш жагына илинген пейзаждуу килейген картинаны алды эле, дубалдын чоң китеп бетиндей темир эшикчеси бар экен. Балка менен бир койгондо эле ачылып кетти. Кылдат тизилген доллар, миң сомдук, беш жүм сомдук акчалар. Оголе көп экен, санаган жок, кроваттын үстүнө коюп шашпай майдалап тытты, күлмайда кылды. Башка да кесилчүлөр кесилди, талкаланчулар талкаланды. Астыңкы этажга түшүп бычак, балка менен иштегенин улантты, такыр шашпады.. . Бүтүнүнөн жылыткыч батареялар эле калды көрүнөт.

Маскачан кайра үстүнкү кабаттагы залга келди. Тамтыгы жок тилинген Болуштун килейген портретин дубалга жөлөп, сумкасынан бир ак барак кагаз алып чыгып портреттин дал башына чаптады ала келген карандаш-клейи менен. Ак баракта компьютерде басылган "Мен сага өлүм апкелем" деген жазуу бар эле.. .

Маскачан колундагы мээлейин чечип маскасын шыпырды да терин сүрттү, өзүн жеңил, көңүлдүү сезди, опсуз оор жүктү жондон шыпыргандай болду.. .

***

Болуштун оң колу болуп жүргөн азан чакырылган аты Кыргызбай, бандиттер арасында "Киргиз" делип, кыргызча тилин алешем билген үчүн коюлган аты бар жигити бар эле. Кожоюндун үйүнө түш маал келди. Дарбаза кагып бир аз туруп, жооп болбогон соң бийик дубалга тырмышып эптеп чыгып короого секирип түштү. Жымжырт. Кароолчу жаткан үйдүн эшигин тартты эле, ачык экен, ичкери кирди. Кароолчу дивандын жанында жерде жатат. Колу-буту таңылуу, тыбырчылап бошонмокчу болот. Телевизордо бир кино болуп, үн жаңырат. Кароолчу небак эсине келген экен, колун бошотору менен сөгүнө башын мыкчыды:

- Ким?! - деди Киргиз кыжыры кайнап.

Жаны күйгөн кароолчу байкоостон орой жооп берди:

- Ким экенин мен кайдан билейин?!

Мындай оройлукту Болуштан башкадан укпаган Киргиздин каны кайнап кетти да, жаңы эле өйдө туруп бараткан немени көчүктөн ары бир тепти:

- Энеңдурайын эшек! Эй, сен эмне каракчысыңбы, ыя? Кароолго коюлдуң беле, же.. ыя, сука! - Киргиз бу шордууну жана бир жаза-буза тепти. -Беркилер кайда?!

Өз укугун, өз ордун кайра эстеген кароолчу:

- Билбейм.. . - деди өчүп бараткандай араң сүйлөп.

Киргиз чоң үйгө кирип жоо чапкандай кыйсыпыры түшкөн көрүнүшкө жаны куушурулду, айласы түгөнө жаздады. Бир бөлмөгө кирип таңылган жигитти чечти.

- Эшек! - деп аны да бир-эки тээп алды. -Берки кайда?!

- Билбейм, - деди башы чыдатпай ооруган неме турган жеринен теңселип, -туалетке кеткен.. .

Киргиз сыртка чыгып түз эле туалетке барды. Мындай мазактоону ким көрүптүр, колу-буту таңылган экинчи жигит тешикте отурат. Киргиз жийиркене кетип артынан теңселе келген биринчи жигитке бурк этти:

- Бар, бошотпойсуңбу, тиги чычалбай жаткан суканы!

Киргиз кайра үйгө кирип бүт бөлмөлөрдү кыдырды. Жүзү курусун, бандит башы менен мындай балээни кайдан көрүптүр!

Болуштун тилинген портретине жакын келип эңкейе калып, "Мен сага өлүм апкелем" деген жазууну окуду. Ал жазылган кагазды айрыган жок. Эч нерсеге тийбеш керек, милийса текшерсе орду-ордунда болсо бир из-илинчек табылат да деп ойлоп койгон.

Киргиз короого чыгып тамеки тартып биртопко наркы-терки басты. Анан чөнтөк телефонун алып Болушка чалды.. . Үнү дирилдей чыкты.. .

***

Болуш кечээ жакшы тойлоп бүгүн тамак да, арак да кускусун келтирип Бишкектеги үйлөрүнүн биринде жаткан. Киргизден жаман кабар угуп телефондон аны оозго алгыс сөздөр менен ойда ашатып анан дароо кийинди. Баласы менен аялын кийин келерсиңер деп ар дайым даяр турчу шоопуру менен өзүн кайтарган бир жигитин каарый шаштырып, Бишкектен түш оой жөнөп кетти.. .

Орточо жүргөндө алты-жети сааттык жолду төрт жарым саатта басышты.

Болуштун буйругу менен Киргиз милийса да чакырган эмес, төртөө тең каккан казыктай күтүп жатышкан. Болуш эки жигитинин коштоосунда короого кирип келгенде төртөө тең өлүм кирип келип мына-мына жанын алчудай коркуп кетишти. Болуш аларды карап да койгон жок, түз эле үйгө кирип бөлмөдөн бөлмөгө өттү. Калчылдаган жигиттери артында. Болуш портретине чапталган кагазды айрып алды. Окуду. Келген жини денесин жарып жиберчүдөй, муун-жүүнү бар экени сезилбейт.

- Энеңди гана!.. деп бир бакырып алды. Ал сөз кимге багышталганын билбейт эле. Минтип баарын талкалап, кескилеп кеткен немени кескилеп салгысы келет, жок, бир ирет эмес миң сан ирет кескилегиси бар. Бирок, кимди? Уктоочу бөлмөгө кирип керебет додо кесилген долларды, акчаны көрүп керебеттин четине шалак отурду.

Кошо кирген беркилерге бакырды:

- Чыккыла! Сукалар!

Тигилер жым-жым жоголушту. Болуш көпкө отурду. Башын мыкчыды, туталанды, кимдендир аша чапкан ачуусун чыгаргысы келет. Үй кайтарып кеткен үчөөнү Киргизге кошуп туруп атып салса табаасы канар беле.. . Ошол ойу жеңип баратып кайра тартты.. . Муну жасагандар оңой немелер эмес экенин ойлоду. Далай немелердин элесин тартып жиберди көз алдына.. . Тапса өз колу менен мууздайт. Жок, дароо эле мууздабайт, кулак-мурдун кескилеп, анан гана шашпай мууздайт. Мыкаачы болуп турду Болуш ушул тапта. Аялы өмүр бою жыйнаган көроокатынан бир түндө ажыраганы аз келгенсип, акчаларын майдалай тытып, портретин тилип "Мен сага өлүм апкелем!" дегени намысына жан чыдагыс тийди. Азырынча ал эскертүү сөздөн корккон жок, элес алган жок. Кыжыры чектен ашып бу жарык дүйнөнү асты-үстүн кылып жибергиси келип турду.. .

Ошол отурган жеринде жарым сааттай эзилди. Ушул окуя өмүрүндөгү эң чоң сокку, кемсинтүү болчу, аябай чоң кордук эле. Эч нерсе албай жалаң гана талкалап, кескилеп кеткени чоң душмандын кылганы болчу.

Чөнтөк телефонун алып Болотко чалды, аманчылык сураганга шайы келбей түз эле болгон окуядан баштады.. .

Болот Болуштун өтүнүчү боюнча бул ишти жалпыга чуу кылбай тымызын изилдетмей болуп, өзү аябай ишенген оперлерден башында көзүнүн кареги менен тең айланчу орунбасарын чектеп атайын топ түздү. Алар бат эле келип Болуштун үйүндө үч-төрт сааттай кылмышкер изин издеп алектеништи. Алар кеткенден кийин Болуш Киргизге өзү ишенген дагы эки жигитин кошуп сүйлөшүп буйрукту катуу берди:

- Бул айбандарды жерден чукусаңар да табасыңар, таппайт экенсиңер, муну кылган силер деп эсептейм, калганын өзүңөр билесиңер, түшүндүңөрбү?!

- Түшүндүк, - деп Киргиз үчөө үчүн жооп берди.. .

***

Мырзабек атасынын үйүндө бир жумага жүрүп калды. Атасы, иниси үчөөнө тийген жерге буудай, картошка айдалган. Өмүрүндө аралап көрбөгөн жерин көрүп, сугарышып келмек. Барганда эки күндөй кезиккен айылдаштарынан уялгансып жүрдү "ишинен айдалып, айласы кеткенде жер тытканы келген да деп ойлоп жатышат го. Мен эмес падыша деле тактан кулайт тура.. . " деген ою өзүн колдоп, ошого таянгандай уялбай да калгансыды. Күн ысыгынан азыр эле күйүп кетчүдөй бүрүшкөн эгин менен картошканы жайылган сууга канып, бат эле өңүнө чыгып кулпура түшкөн керемет көрүнүшкө суктанды. Бир ажайып, сонун нерседен куржалак калып келгенинен арман кылды. Керемет тура, суу сугарганың. Өмүр бою жер иштетип жүргөнсүп, бүт дили ошого түбөлүк берилип калгансып талаадан кеткиси жок, айлынан да.. . Шаардагы бүлөсү болбосо өмүр бою эч кайда чыкмак эмес ошол киндик каны тамган айылынан, эгин жайкалган талаасынан. Башынан эле кылмышкерлерди кынына киргизем деп кыйынсынбай, дыйкан болуп кеткенде эмне.. . Касиеттүү жер Мырзабекти өзүнө тартып турду ушинтип.

Айлынан айласыз кетип шаардагы үйүнө келип сагынган балдарын жаңы эле өөп-жыттап жатты эле, коңгуроо басылды. Эшикти ачса милийсанын угросунда иштеген бир жигит турат, үйгө киргизди. Учурашып, жигит дароо эле суроого өттү:

- Мырзабек байке, мурдагы күнү кайда элеңиз?

- Эмне болду?

- Билишибиз керек.

Эчен-эчен кагып сала жаздаган Мырзабек өзүн токтотуп жообун берди:

- Айылда жүрдүм, мына азыр эле кирдим үйгө.

- Канча күн болдуңуз?

- Алты күн го.. .

- Күнү-түнү айылда болдуңузбу?

- Анан кайда болмок элем?! - Бу саам Мырзабек ачуулана кетти да: -Эй, мен сага эмне күнөөкөрмүнбү, ыя?! Айтсаң ачыгын айтпайсыңбы, келген жөнүңдүн, мен сага эмне пешкамынбы, ыя?!

Бу жигит Мырзабектин сырын мыкты билет эле, чочуй кетип, элеңдей түштү:

- Мени жаман көрбөңүз. Тапшырмам ушундай болчу. Сиздин бул күндөрү, бөтөнчө мурдагы түнү кайда жүргөнүңүздү аныктап келүүгө тапшырма алгам.

- Себеп?

- Аны кийин угарсыз. -Жигит бу жерден кеткенче шашты.

Аны узатып коюп балдарын эркелетип аялы менен наркы-беркиден сүйлөшкөн болот, бирок жанагы жигиттин эмне себептен келгенине баш катырат. Сөзсүз, бир кылмышка байланыштуу сураштырып жатат дечи, бирок эмне болгон кылмыш: өлтүрүүбү, тонообу же уурулукпу. Өзүн шек санагандардын тизмесине киргенине жини келет. А да болсо Болоттун демилгесинен чыккан болуш керек. Болоттун антишинин себеби бар эле.

Болот жаңы эле начальник болуп келгенде шаардагы криминалдар жөнүндө экөө сүйлөшүп жатып Болотко айткан эле:

- Болуш деген бар. Азырынча ага жакшы кирише элекпиз. Анын түрмөдөн башка жерде жашоого акысы жок. Чынын айтсам кээде элдин каны менен чогулган дүнүйөсүн өрттөп жибергим келет, закон жолун күтүп отурбай эле.. . - деп.

Бирок Мырзабек бул жөнүндө небак унуткан. Болуштун үйүн ойрондоп кеткенин да билбейт. Тек гана Болот бир кылмышка аралаштыргысы келип жатканына бөркүндөй ишенет.

Болуш үйүн ойрондоп кеткенин кабарлап телефон чалгандан кийин Болот ким болду экен деген суроого баш катырып отуруп, биринчилерден болуп шек алганы Мырзабек болду. Анын баягы "дүнүйөсүн өрттөп жиберсе" деген кыжырдануусун эстеди. Опертопту жетектеп кеткен орунбасары Болуштун үйүнөн кайтып келип өз байкоосун Болотко айтып бергенде анын Мырзабектен шегалганы ого бетер күчөдү. Анткени, үйоокаттын ышпалдасын чыгарган жөнөкөй неме эмес, профессионал экени анык болду. Колдун изи турсун буттун даана изи жок. Үй оокаттан эч нерсе албаптыр. Бул өч алуу, келекелөө, шылдыңдоо эле. Жок дегенде акчадан да албаптыр.. .

Эртеси билинди, Мырзабек ал күнү шаарда болгон эмес. Анан ким?

Дагы бир өтө шектүүнү Болуш өзү айтты Болотко. Бу шаардын каймагын калпыган жалгыз эле Болуш эмес да. Майда-барат топтор да бар. Мына ошолордун биринин анабашы Марс деген неме жигиттери менен Болушка төлөп турчу бир фирмага барып, ага караштуу кафеден тамактанып, коньягына чейин ичип, анан ага үстөк дагы акча талап кылганда фирма ээси дароо Болушка телефон чалып чоң чатакка айланып кете жаздаган. Болуштун тобунун азырынча күчтүү экенин билген Марс аргасыз моюн сунган эле. Кетип баратып дал Болуштун өзүнө айткан: "Көрөбүз, кезек келгенде.. . " деп. "Кезегин келтирдиби" Марс. А балким айласыз төлөп жүргөндөрдүн бири уюштурдубу?

Милиция да, Болуштун өз жигиттери да издөөнү катуу жүргүзүштү. Эми Болуштун үйүн алаамат кылып кеткенин бүт шаар билип, ошонун кеби эриктирбей жатты.. .

Бир жумадан кийин баягы талкаланган, кескиленген буюм-теримдердин баары килейген КАМАЗга жүктөлүп шаар четиндеги акыр-чикирге төгүлдү.

Ошондон кийин келди Болуштун аялы. Аңгыраган үйүн көрүп оозу ачылды, жүрөгү жарыла жаздады, боздоп-боздоп үн созуп, кылар айласы жок шалдайып отуруп калды.. . "Мен болсом, мени кошо кескилемек экен, кудай сактаптыр.. . " дегенди ойлоп, кайра демденди, соо калганына сүйүндү. Оокат эмне, табылат да дегенге токтоп тобо келтирди.. .

***

Мырзабектин иниси келди бир күнү. Сарсанаа болуп келиптир. Көрсө, эки милийса барып "Мырзабектин келгени чынбы, бул жерде эмне кылып жүрдү" деп атасы экөөнөн да, кошуна-колоңдон да сураштыра кетиптир. Бир балээге кабылбады бекен деп кооптонгон атасы уулун жиберген тура. Мырзабек Болуштун үйүндөгү окуяны кечээ эле уккан, ошону айтып берди. Өзүнөн шек санап жатканын да айтты. "Атам жөн эле сарсанаа боло бербесин, айтып кой" деп Мырзабек инисин дароо артка жөнөттү бир чыны чай ичирбей, нан оозтийгизип.. .

Экинчи ирет Мырзабекке милийсадан келишкен жок. Болуштун үйүн талкалап кеткен айың сөз сейрек эскериле баштаган.

Айылына биринчи барып келгенден жыйырма күнчө өткөндө Мырзабек дагы кетти айылына, бу жолу да атасы менен инисине талаачылыгына жардам берип үч-төрт күн жүрүп келмек. Айылга келгенден эки күн өтүп, үчүнчү күнү түш маалында ата-энеси, иниси болуп тамактанып отурушса шаардагы бир кошуна жигит карп-күрп кирип келип эле Мырзабекти сыртка чакырып кетти. Бат эле өңү-башы купкуу болгон Мырзабек үйгө кайра кирип таза кийимин кийинди да эмне болуп кетти дешип эстери оогон үйдөгүлөргө "бир зарыл жумуш чыгып калды" дегенди араң айтып сыртта күткөн жигиттин машинасына түштү.. .

Аялы эки баласы менен сыртта топтошкон адамдардын арасында жүрөт. Көздөрү тоодой шишик. Дале көз жашы кургай элек. Мырзабек түз эле аялына жетип кучактай ага гана угуза айтты: "Эчтеке болбойт, мага аман калганыңар эсеп, башкасын таап берем". Анан эки баласын эки колуна көтөрүп алмак-салмак өөп эркелетти. Түндө бирөөлөр эшикти талкалап кирип аялын балдары менен сыртка айдап чыгып алеки саатта төркү бөлмө менен уктоочу бөлмөсүн өрттөп жибериптир. Кошуналар кабар берип, өрт өчүргүчтөр келгенче эки бөлмөдөгү оокат түгөлү менен өрттөнүп кетиптир. Пол да, эшик-терезелер да өрттөлгөн. Мырзабек канчалык заарканганы менен үйүнө кирди. Мындайды ким көрүптүр. Бүт күйүк. Бөлмөлөрдө өрт өчүргүчтөрдүн эксперттери да, милийсадан да адамдар жүрөт. Алардын баары эле Мырзабекти тааныйт. Кырсык ушуну менен чыгып кетсин дегенден айтышат. Бир жигит сурады:

- Мырзабек, шектенген адамыңыз барбы?

Мырзабек туталанып турат эле, орой жооп берди:

- Бар! Силер өрттөдүңөр! - Жигиттин алласы оозунан түшүп, делдирей калды да, эптеп сүйлөгөн болду:

- Сиз эмне.. . Сиз.. . Ошол кантип болсун.. .

Мырзабек башка эч нерсе айткан жок, сыртка чыгып аялын, балдарын ээрчитип ошол эле жерде жүргөн жана кабар айтып барган жигиттин үйүнө келишти. Ал астыңкы кабатта жашачу.

Үйгө киргенден кийин үй ээсинин аялы жаналы калбай колдо бар тамактан коюп, чай берди. Унчугушпай чай ичишти. Чайдан соң үй ээлери Мырзабектердин үйдө эркин эс ала берүүсүн айтып, иштери менен бир жакка кетишти.

Мырзабек аялынан болгон окуяны сурашка оозу барбай аны аяп отурат, эки баласы кызыга көрүп жаткан телевизорду тиктеген болот. Аялы дале бышактап ыйы басылбай жатат. Мырзабектин көзүн тике карай албай көзүн ала качат. Баарына күнөөлүү өзү болуп жаткансыйт. Оңдой берди болуп эки баласы жүрөктөрү түшпөптүр. Бака-шака сүйлөшүп телевизордон көргөндөрүн талкуулап жатышат. Мырзабек аялын улам жооткотуп, кыса кучактай саамайынан сылайт, жакшы сөз арнайт. Аялы азга тынчыганы менен кайра эле көз жаштан чыгарат кайгысын.. .

Мырзабектин аялы керээли кечке ыйын баскан жок. Балдарынын улам бирин бооруна кысып болкулдайт. "Болду эми, үй өрттөнмөктөн кыйрап калсын, эртең эле таап алабыз баарын. Минтип ыйлай берсең, жинди болуп каласың, токтот ыйыңды" деген Мырзабектен көзүн ала качат, аны тике карай албайт. Үйдү өзү өрттөп жибергендей.. .

Үй ээсинин аялы Мырзабектердин алды-артына түшүп жаны калбайт, күрүчүн басып, столго салат-палатын жайнатты. Күйөөсү столго арак койду. Төртөө тең ичишти. "Кырсык ушуну менен чыгып кетсин" дешти. Айда-жылда туш-туштан кыйнатып жатып жүз граммга жетпеген арак иччү Мырзабектин аялы бу жолу эркектер менен тең ичти. Эки бөтөлкө түгөнгөнчө куйганды калтырган жок.

Тамак ичилип бүткөндөн кийин Мырзабек үй ээсинин машинесин айдатып алып атасыныкына барып келмей болуп кетти. Уулунун жоо куугандай кетип калганына эне-ата санааркап жатса керек.

Мырзабек аларга үйү өрттөнүп кеткенин айткан жок, далайга сүйлөшүп, атасы болбой салдырган эттен жеп түн ортосу небак оогондо кайра тартышты.

Келишсе үй ээси, аялы дагы беш-алты кошуна сыртта жүрүшүптүр. Мырзабектер токтоор менен үй ээсинин аялы:

- Жеңемди доктурга алып кетти, жаман болуп жатат, - деди ыйлап жиберчүдөй буулугуп.

- Эмне болду?! - Мырзабекте жан жок, жүрөгү куушурула денеси дүр этти.

- Билбейм, оозунан көбүк чыгып.. . эсин жоготуп.. .

- Ата! - үчүнчү класста окуган уулу Мырзабекке жабышты бышактап алган. -Мамам момуну эчкимге көрсөтпөй атаңа бер деген, - деп атасынын кулагына бышактай шыбырап бир бүктөм кагаз сунду.

Мырзабек баарын таштап үйгө жүгүрө кирди да кагаздын бүктөмүн жазып колу калтырай окуду. "Мырзабек мени кечирип кой. Үйдү өрттөгөндөр адегенде мени мазакташты. Ошондон кийин сенин бетиңди кантип карайм. Балдарды жакшы кара. Тигилерди тап. Сак болуп жүр, суранам. Мени жектебе" деп жазылган. Мырзабек бир бакырып алды. Ошол бакырыктан үй асты-үстүн боло жаздады бейм.

- Эмне болуп кетти, Мырзаке?! - Арттан келген үй ээси жигит жүрөгү түштү. -Мырзаке, эмне болду?!

Мырзакесинин жообу жок эле. Өңалеттен кетип диванга шалак олтуруп, жаактары түйүлдү, тиши кычырагандай болду. Азыр анын кебетеси ого бетер коркунучтуу эле.

- Кеттик! - деди жигитке.

Ооруканага келишти. Элеңдеген бир врач кетенчиктей берип үзүл-кесил коркунучтуу кабарын айтты:

- Жеңе кетип калды.. .

Мырзабек бу кабарды элес албагандай үн катпай кайра артка басты. Көзү көр болгондой туш келди басты. Кошуна жигит колтуктайт.. .

***

Үч күндөн кийин Мырзабектин аялы жерге коюлду. Айылда атайын өлүм-житимге жылкы байлаган тилеги ташка тийгендер бар экен. Ошолордун балканактай эки бээси союлду. Элге бирөөнүн өлүмү баары бир көрүнбөйбү, жылкы үч эли чыгыптыр, дурус коюлду сөзү менен этке дындыя тоюп басып кетишет экен.. .

Кабар угушары менен жетип келген Самат да, Мырзабек менен илгери милийсада чогуу окуп кийин бизнеске өтүп, ал иши дурус жүрүп жаткан досу Бакыт да Мырзабектен бир кадам калбай жанында жүрүшөт.

Мырзабек ушул үч күндүн ичинде баягы өткүр жүрүмү кол менен алгандай жоголуп делдиреген бир сөлөкөткө айланды. Көңүл айткандарды тыңшаганы менен бирине да көңүл токтото албайт. Уулун алдына алып боз үй жөлөнө отурат. Дембе-дем тамекисин тартат.

Сөөк коюлгандан кийин улам бир топтошкондор келип "жүрү үйгө кирели" деп көңүл айтып, арагын ачмак болгондордун бирине макул болбоду, жалдырап жер тиктеп, кез-кези жаак эттер түйүлүп, тиш кычырайт.. .

Аялынын элеси аянычтуу болуп көз алдынан кетпейт. Анын өлүмүнө өзүн күнөөлөйт. Аялы менен эзилишкен, урушуп-талашкан күндөр биринин артынан экинчиси эске түшөт. Дилинде жакшы көрчү аялын. Бирок ал сезими көбүнчө жашырын калчу. Экиленип, алеп-жалеп эркелеткенден куру болчу Мырзабек. Аялын аябай эле жакшы көрөрүн эми, андан айрылгандан кийин даана, кайткыс түшүндү. Күнү-түнү бөпөлөп эркелетип, жебегенди жедирип, кийбегенди кийгизе албаганына, ошону дегеле тилек кылбай келгенине өзүн жектеди. Бир капталы эңшерилип, кайткыс кеткен аялы мына-мына боз үйдөн чыга калчудай селт этип алат. Көңүлү муздайт, муз болот көңүлү. Анан аялын өлүмгө түрткөндөрдүн даана дарегин билбесе да аларды ит өлүмү кыларын ойлойт. Ошого демденет азга. Өмүрүн сайса да таап чыгат, жердин жети кабатына кирип кетишсе да табат аларды. Анан көрүп алышсын.. . Кеги ичине батпай денеси калтырап кетет. Кайрадан түйүлөт жаак эттери, алдындагы баласын этин оорута бооруна кысат, ээ бербеген көз жашын элге көрсөтпөй акырын сүртөт.. . Капасы, бугу ичине батпай мына-мына жарылчудай чыңалат, бирде жүрөгү согуудан калчудай сезилсе, бирде дүкүлдөй согуп кабынан чыгып кетчүдөй болот, өзүн-өзү жектейт, оңбогондой жектейт түгөйүн сактап калбаганы үчүн.. . Кайдан ойлоду ушундай болот деп, кайдан ойломок.. . Ушул азыр машийне айдатып түптүз барып экөөнү тең тырайта атып салсачы. Антүү колунан келет. Бирок эми энесинен айрылган чийедей эки баласынын көргөн күну не болмок? Өзүн туу тутуп, балабыздын өмүрүн берсе дурус чыкты деп ичтеринен компойо жүргөн ата-энеси кантти? Агасына таяна жүргөн жалгыз иниси азапта калганын.. . Ушуларды ойлоп кайгысы жанын сыздатып турган Мырзабек ойу ойрон. Бу жарыкчылык ага көрүнбөйт, баары-баары караңгы түн жамынгандай, агарган шоола жок. Күйүтү күйгүзүп, арманы ашып, бар-жогу билинбеген тирүү өлүк болуп турду.. . Курч жигит эле курчу кайтты, кайраты майтарылгандай эле.. .

Бакыт досу үч күндөн кийин кетти, жанында Самат калды. Мырзабек Саматты жөлөк тутат. Бир жума өткөндө а да кетмей болду. Ошол эртең кетем деген түнү Мырзабек менен Самат ээн бөлмөдө отуруп, анан салынган төшөккө жамбаштай жатып, экөө гана сүйлөшчү сөздү сүйлөшүштү.

Мырзабек үйүн өрттөп кеткенин, аялы зордукталганын, ал айбанчылыктарды кимдер уюштурганын Саматка айтты, жашырбады. Аялы ошол мазактоого чыдабай бир кочуш дарыны бир жутуп өлгөнүн да айтты.

Мырзабектин калтырай айтылган сөзү Саматты көз ирмемде башын жерге салдырып, ушунун баарына өзүн күнөөлүү сезди. Анткенинин себеби бар эле.. . Ошол жөнүндө азыр айтсабы, кечирим сурасабы? Ушинтип өзүнө өзү суроо берип, жооп таба албай, бир чечимге келалбай турду эле кандайдыр бир күч сөзүн түртүп жибергендей болду, эми эле катып турган сөзү айтылып кетти:

- Мырзабек, мени кечир! - Самат ордунан обдула Мырзабекти бекем кучактады. - Кечир мени, баарын баштаган мен турбаймынбы.

Мырзабек делдейип калды. Кайсы күнөөсү үчүн кечирим сурап жатат. Самат Мырзабектин башын көп катырган жок, айтып турду:

- Болуштун үйүндө мен болгом, Мырзабек.

Мырзабек бир селт этип алды. Эмне деп айтарын билбейт. Үйүнүн өрттөлүшү, аялынын өлүмү дал ошол Болуштун үйүнүн ойрондолушунун жообу болбодубу. Аны анык билет. Эпадам Самат ал ишти жасабаганда аялы азыр жанында отурбайт беле.. . Ойун улантат Мырзабек. Бирок Самат мындай болуп кетерин кайдан билди. Ал эч качан Мырзабекке жамандык каалабайт эмеспи.

- Сенде күнөө жок, - деди Мырзабек, -сенде эмненин күнөөсү?.. -Анын бет алдына эки айбандын элеси тартылды - Болот менен Болуштун. Аларды айбан дечү ардайым.

- Мен камдана келгем, - деди Самат саамдан соң. - Мага кой аларды, Мырзаке. Өзүм эле табам алардын эсебин.

Самат Мырзабектин кимдерди ойлоп кыжыры оргуштап жатканын, мына азыр эле жетип барып аларга ит өлүмү кылгысы келип жатканын сезгендей айтты.

- Азыр эрте, - деди Мырзабек.

Ушуну менен бул маселе сүйлөшүлгөн жок.. .

***

Самат менен Бакыт Мырзабектин аялынын кыркын бергенде дагы келишти. Туура бир жумадай жүрүштү Мырзабектин жанында. Бакыт Мырзабекти койайга келтирбей капкара мрамордон эстелик жасаганга тапшырма берди.

Мырзабектин кайнатасы да, кайненеси да маңдайы жарылган дурус адамдар болчу. Кызынын өлүмү аларды биртоп чүнчүтүп таштады. Эми эки небересин алмак-салмак өөп жытташып кызынын жытын издеп жатышкандай. Булар кыз-күйөөсүнүн үйүнө көп катташа турган. Анча оокаттуу болбосо да бапыраган кенен немелер эле, тамак-аштарын тажабай ташышчу. Мырзабектин уулу да, мектепке быйыл бара турган кызы да "тайене-таяталап" жаны бирге эле.

Кызынын кыркы өткөн күнү кечте кайнене, кайната Мырзабектен да, куда-кудагыйынан да өтүнүп турушту, бу эки небере азырынча биздин колдо болсун, анан каалаган учуруңарда алып аларсыңар деп. Бу кепти уккан Мырзабек эне-атасын карайт, алар Мырзабекти карайт, ата-энеси өзү чечсин дегендей кылышат. Мырзабек ары ойлоп, бери ойлоп отуруп балдарын берүүгө макул болду. Мындан ары басчу жолунда балдарына көп көңүл бөлө албасын ойлоду. Энесине таштаса карыган немеге оорчундук келерин да ойлоду.

Ошол күндүн эртеси Мырзабек балдарын кайнатасыныкына жеткиришип, бир ыптасы эңшериле кайра тарткан. Андан кийин Самат, Бакыт үчөө эстеликтин, өрттөнгөн үйдүн түйшүгү менен дагы беш-алты күн жүрүшүп Бишкекке жол тартышты.

Өрттөнгөн үйдүн ремонту бүтөрү менен Мырзабектин иниси аны сатып жибермей болду. "Экинчи бул үйгө басып кирбейм, үйдү сага бердим, эмне кылсаң ошо кыл, кааласаң сатып жибер" деген Мырзабек инисине. Иниси ошондо эле айтты сатам деп.. .

Ошентип Мырзабек Бишкекке биротоло кетти, ошол жакта жашап иштемек болгон чечимин небак чыгарган, аялы тирүү кезинде эле.

***

Менин фирмамдын коопсуздук кызматын башкарып бер деген Бакыттын сунушуна көнгөн жок. Өз ичинде ага кандайдыр залакам тийбесин деди. Чогуу иштейли деген Саматка да макул болбоду. Анан Бакыттын жардамы менен машина койчу жайды кайтарчу алты кароолчунун чоңу болуп ишке өттү. Бул жай шаардын орто ченине жакын жайгашкан, күнүндө сексен-токсон, кай күнү жүз элүүгө чейин машине коюлат. Алты киши экиден болушуп бир суткадан кезекке турушат. Мырзабек болсо күндүзү, кээде түндөсү текшерип турат. Ар күнү бул жайдын кожоюну эртең менен келип машина койулгандын акчасын алып кетет. Отузга эми чыккан жаш жигит. Эчнерсе менен иши жоктой келет да, акчаны чөнтөккө салып кете берет. Мырзабектин деле түйшүгү жок. Гаражга кире бериш жерге салынган чымчыктын уясындай болгон тамдын бир бөлмөсүндө гезит же китеп окуп жатат, телевизор көрөт. Сырткы бөлмөдө кароолчулар.

Гараждын ээси жигит Мырзабекке эпилдей мамиле кылат, кожойун өзү эмес, Мырзабек кожойундай. Бакыт катуу тапшырса керек. Анан да бу жигит Бакыттын фирмасында иштейт эмеспи.

Мырзабек Бишкекке келгендеги алгачкы күндөрү Саматтыкына жатып жүрүп, кийин бир бөлмөлүү квартирага чыккан, бардык шарты бар. "Кааласаң ушул үйдү сатып берем, сатпаса башкасын аларсың" деген Бакыт бир ирет. "Үйдү сенсиз эле алам" деген жооп уккан Бакыт.. .

***

Каман көңүлдөшү менен беш-алты саат анын квартирасында болуп кечке жуук сыртка чыкты. Дал үйдүн жанына токтоткон "Мерседесинин" эшигин ачып, шашпай рулга отуруп от алдырмай болуп маңдайын тиктей отуруп калды. Ачкыч буралган жок. Дал бет маңдайында айнекке сыртынан чапталган кагазды окуду: "Мен сага өлүм апкелем". Эки-үч сыйра окуп жиберди. Анан отурган жеринде эки жагын элеңдей карап, буржуйган моюндары тыяк-быякка араң бурулат. Азыр бирөө жетип келип тапанча менен басып-басып алчудай сезилип кетти. Эңкейе калып кайра түздөлдү. Жигиттери жанында жогуна кейиди. Эки-үчөө жанында жүрсө болбойт беле. Ар дайым жанында жүрчү немелерди бу көңүлдөшүнө келерде таштап кетет. "Эмнеге ошентем?" деп ойлонуп, сырткы чөнтөктөгү телефонун алып бирөөнө чалды тез келүүсүн айтып.

Ошондон он мүнөт өтпөй "Мерседестин" артына бир жип келип токтоп, андан эки жигит түштү да бири Каманга келип, терезеге эңкейди.

- Момуну бери ал, - деди Каман өкүм сүйлөп, - бол!

Жигит Каман көрсөткөн кагазды айнектен сыйрып ага берди. Кагаз бүктөлүп чөнтөккө салынды. Каман машинадан түшүп жигитин "айда" деди да өзү арттагы жипке барып түштү. Мерседеси ушул азыр жарылчудай качты.. .

Каман борбор шаардын гана эмес бүтүндөй өлкөгө белгилүү авторитеттердин бири. Бирок анабашы эмес. Анабашынын жакындарынан. Бою орто болгону менен опсуз жоондугунан килейген неме болуп көрүнөт. Бука моюн деп ушундайларды айтышат. Кудайургандай балбан неме. Эч кандай спортко катышып көргөн неме эмес, балбандыгы жаратылышынан.

Камандын бүгүн түнү кезигишчү адамдары бар эле. Бири менен теңата болуп сүйлөшөт, бирине "мууздап салам" дегенин айтат. Бул куру сөз эмес. Мындан беш жыл мурун түрмөдө отуруп ашканадагы жүздөгөн зектердин көзүнчө "сен ким экенсиң" деп койгону үчүн бирөөнү ошол эле жерден ардайым белине көрүнөө эле кыстара жүрчү көз жоосун алгандай кооз бычагы менен тигини баса калып, мойнун шылып жиберген. Анда түрмөдөн эми-эми чыгам деп жаткан кези эле. Жылы кайра кошулду. Өтө эле аз кошулду, мууздалгандын артынан кууп алары жогунан, Камандын акча досторунун көптүгүнөн ошондой болду.

Түрмөдөн чыгып келгенден он күн өтпөй дале таламандын так түшүндө ипподромдо ат чабыш көрүп жатып дагы бир кунан чыкма бандиттин ичегисин чубалта сайган. Ал жигит кудайдын буйругу менен тирүү калды накта өлчү жараттан. Каман милийсада суралган болуп ыңжыңсыз ишин бүтүрдү. Тирүү калган бандит азыр өзү туулган районуна кетип Каманга "отчет" берип турат, акча жагынан.

Каман кээде ичкенде ошонун эч ким түшүнүп болбогон касиетинен улам өтө ак көңүл, шайыр болуп кетет. Аны ошол абалда биринчи көргөн адамга аябай аккөңүл, айкөл адамдай көрүнөт. А жаратылышы болсо таптакыр башка - ташбоор, ашачапкан өзүмчүл, анан да зөөкүр неме, өлкөнүн кримдүйнөсүндөгү "мен" дегендердин анабашынан, анан катуу чыгып келатышкан бир-эки жаш авторитеттен гана чочуйт.. .

Ошентип Каман бул түнү үйүнөн чыккан жок. Үч жигити да бу түнү кетишкен жок.

Каман телевизор тиктей калгандай жатат. Катар турган кичинекей столго коюлган тамак-аш менен ичкиликтердин четиндеги баягы кагазды улам-улам алып окуп кайра койот.

Мындай кагаз жөнүндө Болуштан уккан. Бирок анда көп деле элес берген эмес. Болуш дагы: "Энеңди урайын, козел, деле "мен сага өлүм апкелем" деп жазып кетиптир. Оорукчан неменин кылганы болуш керек, телевизор көрө берип мээси тегеренгендер толуп кетпедиби" деген. Каман болсо бул сөздү жөнсөз көргөн жок. Душмандарын бирден тизмектеди. Алардын ичинде бийликтин да, кримдүйнөнүн да заң-закүнүн уруп ойнобогон үч-төртөө бар. Азырынча Камандан жол талаша албай буккан карышкырдай турушат. Баары тең бир кезде Камандын ачуу сөзүн уккан немелер. Алардан башка да өзү ойлобогон канча душманы бар дейсиң.. . А балким чын эле кинолордон мээси айныган немелер жазып чаптап кеткендир. Ушуну окуп жүрөгү түшсүн деген чыгар. Эмне, көчөдө самсыган алкаштарга беш-он сом берип "бар чаптап кел" десе кудай деп жүгүрбөйбү.. . Ушинтип "мен сага өлүм апкелемди" элес албагансыйт, анан кайра эле жүрөгү түпөйүл.. .

***

- Көптөн бери саунага да алпарбай калдың, - деди Камандын букадай мойнуна асылган селки, - же башкаларды алпара баштадыңбы, ыя берекем? - Кыз ушу сөзүн айтып эркекти аймалай кетти. Эркек эрип берди:

- Саунага сенден башканын мени менен барууга укугу жок, туула элек андай аялдар. Алтыным.. . Көгүчкөнүм менин. -Эркек аз-аз жерден эрий таштап кызды кучактаган боюнча өгүздөй салмагы менен бу эки эмес, он киши батчу жаңгак керебетке баса жыгылды. Бою өзүнөн алда-канча узун сурайылдай сулуу аппак кыз бир чеңгел кебездин үстүнө бир мүшөк көмүрдү төгүп жибергендей ың-жыңсыз болду да эркекти эритип жок кылып жиберчү кыңкыс үн чыкты.. . Эркектин бир колу шымдын куруна жеткенде "тырс" деген үн чыкты да таянган чыканак шалак этти. Кыз деми кыстыгып дем ала албай кетти:

- Кичине өйдөрөөк болчу, берекем.. .

Айтканы өйдө болгон жок. Ныгыра баскан калыбынан жазбады. Кыздын бети нымдалыша түштү эле, ошол жерин колу менен аарчып эле чаңырды. Колу кан эле.. . Кыз үстүндөгү немени эптеп оодарып ордунан атып турду да жана бир чаңырды, тигинин тысырайта кырдырган башынан кан жылжып жаткан. Кыз чаңырганын кайра-кайра жаңыртып халатчан бойдон квартирасынан качып чыкты.

Ошондон жарым саат өтпөй келген милийсалар өлүктүн чөнтөктөрүндөгү майда-чуйда нерселердин эсебин алып жатышып алардын арасындагы кагазды окушту: "Мен сага өлүм апкелем". Ким апкелди?!..

Бу жолу Каман көңүлдөшүнүкүнө жалгыз келбей машинесин шоопуруна айдатып, артында жипке түшкөн үч жигити коштой келип күтүп отурушкан. Качан гана милийса машинеси келип андан беш-алтоо түшүп үйгө бет алганда гана машинадан сыртка чыгышты. Сураштыра келгенде эч кимиси эч нерсе байкаган эмес экен.. .

Самат да, Мырзабек да Каман жөнүндө кеп угушкан. Экөө кеңешип туруп өлүп апкелгенди дал ушундан башташты. Дасыккан мурунку эки милийсага бирөөнү атып, ың-жыңсыз кетүү кыкка турбаган иши эле. Анан калса Самат кандай эшик болсо да ачып кирүү жөндөмү бар болчу, өзү кармаган уурулардан үч-төрт жыл чамасы үйрөнгөн. Камалдын көңүлдөшүнүн эшигин ачкан Самат, бандитти башка баскан Мырзабек эле. Бир подңездге эки жактан кирме үйдүн короо делген жагынан биринин артынан бири кирип, эч шашпай алеки саатта эшикти ачып, көз ирмем өтсө элжиреп, эзилип кеткенге даяр болуп мышыкча баскан Мырзабектин дабышын кайдан уксун.. . Кыз чаңырганда Мырзабектер небак короодо экөө эки тарапка кетип баратышкан, чүпөрөктөн жасалган ак көө шапкелер башка кийилип, кара көз айнектер тагылып.. .

***

Эмне үчүн бирөөнү өлтүрүп, эми андай иштерден далайды жасаганы турушат бу экөө. Экөө тең дил тереңинде таза жаралган жигиттер эле. Ал тазалыгы милийса турмушуна чыдабай кетти көрүнбөйбү. Милийсаны жаман көрөт дейт. Эпадам ошол жаман көргөн милийсабыз бир эле күн иштебей койсунчу, жырткыч айбандар бержакта калбайбы арылдашкан, азуулашкан, кырылып түгөнмөкпүз да.. .

Мырзабек да, Самат да таза иштеди милийсасында. Биракта көр оокаттан чыккан кошоматты, сатылуу, сатып алуу, жаап-жашыруу, кылмышкер менен үндөш болуу жана башка иттиктер милийсадагы нечен бир мыкты азаматтарды алып тынды. Мырзабектердей иштен кеткени канча.. .

Мырзабектин азыркы жашоосу курган курсакка көроокатты кошкондо анча жаман эмес. Дурус табат. Самат менен Бакыт досу эч нерсе аячу түрлөрү жок. Бөтөнчө Бакыт берейин десе эки көзү төрт, анткени анда баары бар, бар болгондо да кеңири эмеспи. Бир ооз макулдугун берсе Бишкектен квартирабы же заңгыраган үйбү, сатып берүүгө эми даяр. А бирок Мырзабек азырынча ага макул болгусу жок.

Мырзабек дурус айлык алат. Бу шаардын борбор тушунда орун алган машина койчу жай таптакыр орун жок калганча толот. Жайы-кышы ошондой. Тегеректеги толгон-токой этаж үйдө жашагандар, алардыкына мейманга келгендер койот машиналарын. Ушул эле жерде майда барат ремонт кылган, дөңгөлөк чаптап, машина жууган да жай бар. Алардын баарынан түшкөн акча айына жүз миңден кем болбойт. Жанагы алты кароолчу күзөтүнөн кийин ошол жайларда кезектешип иштешет.

Мырзабекке бу жерде кың деген адам жок. Өзү бий, өзү хан.

Ошентип анын жашоосунун көроокаттан кемтиги жок болгону менен аялынын өлүмү аны сүлүк курттай соруп келет. Анын өлүмүнө өзү күнөөлүү, ооба, өзү гана күнөөлүү. Ошол чындык жанын жай алдырбайт. Кимден өч аларды анык билет. Ошол өч алар мезгилди көпкө күттү. Дароо жасоого болбойт эле. Анткен күндө кылган иши айкындалып калмак. Эми келди көрүнөт өч алчу мезгил.. .

Эми даана келди ошол мезгил.. . Киргиз өз шаарында эч качан эч кимден чочубайт. Баш бергени бир гана Болуш. Кезеги келгенде Болушту итере түртүп өзү жалгыз бийлөөнү самайт. Ал ойун эч ким билбейт. Эпадам ушул жөнүндө Болуш билип калса ошол замат жок болорун беш колундай сезет Киргиз. Бу шаардын прокуратурасы менен милийсасы да тийбейт Киргизге. Анын Болуштун оң колу экенин даана сезишет. Ал эми Болуш деген өз киши да аларга. Өздөрү өндүрө албаган акчаны Болуш өндүрөт эмеспи. Мындан төрт-беш жыл чамасында мурун бу шаарга бир жаш, курч жигит прокурор болуп чектелип, "Болуш-солуш дегениңерди жерге житирип жиберем" деп биртопторунун көзүнчө чоң сүйлөп таштап, анан ошол сөздү ишке ашырмакчы болуп иш баштады эле, башка районго катардагы тергөөчү кылып которуп ташташты. Болушту оңой көргөндөр ошондой болот. Эмдиги прокурор менен Болуштун мамилеси жакшы. Бири-бириникине мейманчылап барбаса да жакшы "катышат".

Ошентип Болуштун оң колу аты бар Киргиз бул шаардын эрке баласы.. .

Киргиз бүгүн бөтөнчө көңүлдүү эле. Болуштун өз колунан эки миң доллар алып, ал салынган чөнтөк тушу ысып-күйүп жаткандай сезилип алеп-жалеп болубаткан. Бүгүн эч кимге кошулбай өзүнчө эс алгысы келди. Бу эки жүз миң чамалуу эл жашаган чакан шаарда эмне көп - ресторан менен кафеси көп. Киргиз мына ошол көп ресторандардын бирине барып өзүнчө кабинадан орун алды да официанттардын чоңу болгон бир шыпылдаган узун бойлуу жигитти чакырды. Киргизди беш колундай билген, билмек турсун бир ирет тумшуктан ары бир жеп эс-учун жоготкон неме бат эле жетип келип буйрук күттү.

- Чүрөктөрүңдөн бирди апкел, анан мейманканадан орун даярда, - деди Киргиз тигинин саламына жооп берүүнүн ордуна.

- Жарайт.

Аз өтпөй Киргиздин жанына турна бут татына орус кыз отурду. Стол тирелген тамак-аш желди, ичкилик ичилди. Залда музыка жаңырат. Бийлегендерди көргөн Киргиз кызга айтты:

- Бар, бийлеп кел.

- Жалгызбы?

- Тигилер эмне көзүңө көрүнбөйбү, ыя?! Бар бийле! - деди Киргиз топтошуп шалактап жаткандарды көрсөтүп. -Бар!

Кыз барып топко кошулуп алар менен кошо шалактады. Киргиз карап турат. Кызды бийле деп жибергени - алыстан анын тулкусун көрмөк. Көрдү, баамдады, мүчөсү келишкен мыкты экен, жактырып турду, азыр эле жулмалап кумар кандыргысы бар.

Кыз бийлеп келгенден кийин Киргиз ага болгон мамилесин өзгөрттү. Буга чейин сүйлөсө оройлоно кетип колжоолукча көрбөй жатса эми жумшара кетти. Кыздын сулуулугу менен эми он сегизге толгон жаштыгы өзүнө тартып бараткандай болду. Киргиз мындайлардын далайын көргөн дечи, бу болсо алардын баарынан мыкты сезилди.. .

Киргиз баягы шыпылдаган жигитти чакырып жүз доллардык кагазды колуна бербей ыргытып сурады:

- Даярбы?

- Сенин бир ооз сөзүң.. . Бешинчи номер, мына ачкычы.

Киргиз кызды көздөй баш ийкеди эле ачкыч кыздын колуна берилди.

***

Киргиз биртоп кызып калган. Артында келаткан кыздын бар-жогун элес албай теңселе басып экинчи кабатка көтөрүлдү. Кыз артынан келип бешинчи номердин эшигин ачып Киргизди өткөзүп артынан кирди.

Киргиз төр жактагы эки креслонун бирине кулай отуруп кызга буйура сүйлөдү:

- Бар, душка түшүп кел!

Кыз душка кирип кетти. Киргиз чакан столдо жер-жемиши менен коюлган арактан бир рюмка куйуп ичип кайра ордуна отуруп көзүн жумду, сезимине жыргал кумар келип жан жибип барат. Дал ушул учурда бөлмөнүн эшиги акырын ачылып кара көз айнекчен эки жигит мышыктай бөгүп басып Киргиздин маңдайында турушту. Ал деле көзүн ачпайт. Жыргалында жүрөт. Жигиттердин бири Киргизди төбөдөн ары басты колдун кыры менен:

- Ач көздү, энеңди!

Киргиз ыргып туруп баратып кайра ордуна шалак түштү. Экинчи сокку урулган эле. Эси ооп кайра оңолгон Киргиз маңдайындагы экөөнү көрдү - Мырзабек менен Самат болчу. Аларды көргөн неме өзүн жоготуп салды. Денеси башкаруудан калып былжыраган бир нерсеге айлангандай болду. Эми эле көңүлдүү бажырайган көзү бүлбүл тартып нуру өчө түшкөндөй.

- Эй, айбан, жооп берер мезгилиң келди, билдиңби?! - деди Мырзабек арт жагынан глушителдүү тапанчаны сууруп, - айтар сөзүң барбы?!

Сөзү болсо да айта албай турду. Аз мурун эле бу жарыкчылыкта өзүнө теңдеш адам жоктой көпкөн неменин а дегенге алы келбеди.

Мырзабек сол колу менен анын мойнун муунта кармап деми кыстыгып баратканда кайра койо берди:

- Ии, айтар сөзүм жок дечи?!

Киргиз кырылдады:

- Мен эмес.. . Мага буйрук берген.. . Болуш.. .

- Дагы кимдер бар эле?!

- Үчөө.. . -Киргиз нурсуз көзүн алайта үчөөнүн атын айтып бир өлүмдөн каламбы дегендей кошумчалады: -Болот да билген.. . Өзүңөр билгиле деген.. .

Мырзабек аялы зордукталып жатканын элестетип жиберди. Заары бетине чыгып бет маңдайында көзү алайып, бу дүйнөдө азыр кумурскача алы жок экенин сезип өлүм көзүнө көрүнүп жаткан немени чекеге басты тапанчасы менен. Чекеден кан жая берди. Экинчи ирет аткан жок. Мырзабек жинине, ачуусуна алдырып жиберди, жалынтып, боздотуп, ошондон өчүн кандырып туруп атмак, өзүн кармай албады, өчү канбай калгандай болду. "Тийбегиле" деп чаңырып, алсыз боздоп жаткан аялын дагы эстеди.. .

Самат чөнтөктөн алакандай кагаз алып чыгып Киргиздин кан аккан чекесине чаптап таштады. "Мен сага өлүм апкелдим" деп жазылган ак баракка кан жая берди.. .

Орус кыз да көңүлдүү эле. Ваннага жакшы түшүп, килейген сүлгү менен ороно чыкты да, чекеден кан агып кагаз чапталган Киргиздин өлүгүн көрүп бир катуу чаңырды да сыртка атып чыкты. Сүлгүсү денеден шыпырылып жерде жатты.. .

Төрт сааттан кийин Мырзабек менен Самат Бишкекке кайра кайтышты. Муруттар менен париктер алынды. Самат сурап минген "Жигулинин" өз номери тагылып ээсине жеткирилди. Ал "Жигули" Саматтын бир досунуку болчу.. .

Эртеси экөө тең жумуштарына чыгышты.

***

Киргиздин өлүгүн туш тараптан изилдешкен криминалисттер эч кандай илинчек таппай, сөөк моргго жеткирилди.

Ошондон үч күн өткөндөн кийин отуздун жоон ортосундагы Киргиздин сөөгү жерге берилди. Кыргыздын баасы менен айтканда сөөк жакшы коюлду. Беш жылкы союлуп, Бишкектин өзүнөн алдырылган чоң молдо жаназа окуду. Шаардын эң чоң ресторанында топурак салганы келген эл үч бөлүнүп кезек менен тамак жешти, миң чамалуу го болжолу. Сөөк койуунун бүт чыгымын Болуш жигиттери менен көтөрдү.

Сөөк коюлуп жатканда:

- Кыргызбай, жайлуу жат, сенин өчүңдү алууга ант беребиз! - деп Болуш жашырбай айтып, жашыган болду.. .

Ошол, Киргиздин сөөгү жерге коюлгандан үч-төрт күн өткөндө Болуш үйүндө жатып он жылдай бойу өзүнө кыңк этпей кызмат кылып келген жигити эми түбөлүк кайрылбай турганын эстеп чын дилден күйүп турду. Кимдер булар, дал чекеге атып кеткен. Ал селт этти. Киргиздин чекесине жабыштырылган кагазды эстеди. Өзү да албады беле ошондон кагазды. Ал ушул күнгө чейин ага элес берген эмес, небак унутуп салган. Бир келесоонун кылган ойуну деп ойлогон да. Аз мурун андай кагаз тиги Бишкектеги Камандын чекесине жабышпадыбы. Жок, алар келесоолор эмес, өтө коркунучтуу, мыкты даярдыгы бар немелер. А балким.. . Чын эле, а балким милийсанын өздөрү жасап жаткан болбосун. Кылмыш закону өтө жумшак, криминалга каршы күрөштө ошол өтө жумшак, жеңил жазалардын кедергиси тийип жатат деп милийса чиндери айтып калып жүрбөйбү, официалдуу эле. Чекеге кагаз чаптагандар ошолор болушу толук мүмкүн.. . Же өзүнө касташып жүргөн немелерденби? Бу шаарда андайларды жок десе болот. Биринчиден, анчалык чоң душманы жок, анан да батына албайт эле минтип согуш жарыялаганга. Алар ким болсо да эмдиги кезекте өзү - Болуш болушу мүмкүн эле.. . Болуштун ошол күнкү мээси шишип, санаасы ашып турду, эч нерсени тоотпой, кудайдан кийинки өзү болуп жүрчү неме ушул күнү санаага жакшы алдырды, өлүмгө тең келчү коркунуч жок көрүнбөйбү бу адам жолунда.. .

***

Киргиздин кыркы берилгендин дал эртеси ал өлөөрүндө Мырзабекке айтып кеткен үч зордукчунун өлүктөрү үч жерден табылды. Үчөө тең дал чекеге ок жешкен, баягы "өлүм апкелген" кагаздар чапталган.

Эми "мен сага өлүм апкелем", "мен сага өлүм апкелдим" дегендин кеби бүт өлкөнү түйшөлтүп таштады. Милийса менен прокуратура, коопсуздук кызматы бул чектен чыккан окуяларга опсуз маани берип баш катырышты. Кримдүйнөнүн "генералдарынан" катардагы "жоокерлерине" чейин кезектеги мен эмеспи деген ой элеңдетип, ичкен тамагын да, алган акчаларын да аш кылбай жан санаа эмес, өлүм санаасынын сазына батырды. Коопсуздук кызматында да, милийса менен прокуратурада да маанилүү, жашыруун кеңештер байма-бай өтүп турду. "Өлүм апкелген немени" тезинен кармоо же жок кылуу талабы аларга Акүй тараптан катуу коюлду эле чакчелекей түшүп эле жатып калышты. Улам бир чоңу кийинки чоңуна: "Эгер тез арада таппасаң иштен айдаласың!" деген сөздү айтыбатты.. .

Болуш оң колунан анан да үч жигитинен айрылып, эми кезек өзүнүкү экендей сезип өтө сак боло баштады. Наркы-терки солкулдап жүрчү неме офиси менен үйүнөн чыкпады. Ал жерлердеги кайтаруу эки эсе күчтүү болчу. Офистен үйүнө, үйүнөн офиске келгенде бир эмес эки машина, бири алдына, экинчиси артына түшөт, ар биринде үчтөн жигит.

Үйүнүн бир бөлмөсүндө эки жигит, короодогу үйүндө баягы кароолчу менен дагы эки жигит түн күзөтүшөт.

Ошол күндөрдүн биринде түш маалы эле, Болуштун дарбазасы кагылып короодо жүргөн кароллчу эшикти ачты. Ушул шаардын базарларында тентип бөтөлкө чогултуп, кайыр сурап өмүрүндө соо жүрбөгөн бир селсаяк орус кароолчуга конверт сунуп турду:

- Силерге берип кой деген. Кожоюнга.

- Ким?

- Ким экенин кайдан билейин, бир кыргыз. -Селсаяк теңселе кете берди.

Кароолчу сыртында эч жазуу жок конвертти ошол эле жерде тамеки чегип эригип отурган бир жигитке карматты:

- Базарда жүргөн алкаш апкелди.

Жигит конвертти наркы-терки карап ачсамбы, ачпасамбы деп азга ойлонуп туруп тийген жок, Болуштун балээсине калбайын деди окшойт, түз эле үйгө кирип уйку менен уялаш эмдигиче төшөктөн тура элек Болуштун аялынын бөлмөсүн какты. Аял эми гана керебетинде туруп отурган, ошол жерден туруп басып кете албай өзү менен өзү кармашып жаткан. Эшик кагылганда туруп барып эшикти ачты.

- Кат келиптир, - деген жигит конвертти аялга берип кете берди.

Аял кайра келип керебетине отуруп конвертти ачып ичиндеги кагазды алып окуду: "Мен сага өлүм апкелем". Адегенде эч нерсеге көңүл токтотпой эле: -Бу сволучтун эмне дегени, - деп өзүнчө сүйлөп алды. Анан жакында эле өлгөн Киргиз менен берки үч жигиттин өлгөнүн, алардын чекесине "мен сага өлүм апкелдим" деп жазылганын эстеди. Болуштун бир жигити айтып берген ошондой болгонун. Селт этти. Кагазды ыргытып жиберип кайра алды. Жүрөгү опколжуп, анан жарылчудай абалга жетип титиреп кетти. Ошол замат ордунан туруп бөлмөнүн эшигин ачкычы менен бекитти. Андан соң терезеге жетип короону карады. Жанагы жигит менен кароолчу орундукта бирдемелерди сүйлөшүп отурушат. Айнекти такылдатып жиберди аял. Тиги экөө тең карашты эле кол булгай чакырды. Жигит бат эле жетип келип эшикти тартса бек, тыкылдатты.

- Ким? - деп сурабатпайбы аял.

- Мен эле, эже.. .

Аял эшикти ачып дале колунда жүргөн кагазды жигитке карматып кайра эшигин бекитип алды. Төшөктөн тургандан кийин далайга уйкусу ачылбай керебетте кенен жарым саат отурчу аялдын уйкусуроосу чайыттай ачылды, ушул эле үйдөгү Болуш экөө гана кирүүгө акысы бар туалетке бара албай отурду.. .

Жанагы колунда коркунучтуу сөз жазылган кагазды алган жигит араңдан зорго батынып Болушка суук кабарды калтырай араң угузду. Бул убакта Болуш жаңы эле көңүлдөшү менен эзилише сүйлөшүп чөнтөк телефонун столго койгон эле. Бүгүн экөө кезигишмек. Бу тапканы үч ай боло элек көңүлдөшү Болуштун жарым жашында эле. Сулуулар конкурсуна катышып ушул шаардын биринчи сулуусу табылган. Эми Бишкектеги конкурска катышып мыкты модель болом деген үмүтү бар эле. Эми ал үмүтүн ишке ашырбай турган болду Болуш. Ошол конкурска чакырылган Болуш бу кызды алгач көргөндө эле жактырып, "меники экенсиң" деп койгону бар. Ошонун эртеси эле ал сулуу бир ээн үйдөгү тирукмуш жасалгаланган столдо Болуштун бетмаңдайында отурду. Кыз анча жеңил-желпи кыздардан эмес эле, көп нерсеге акыл калчап, аккараны ажырата ала турган демдеңгээли бар эле. Болуш жөнүндө уккан. Адегенде анын маңдайына апкелип отургузушканда азга калтыроо болду, бирок тез эле жоголуп кетти. Болуштун суроолоруна так жооп берип, маегин коштоп сүйлөдү. "Эми сен меники болуп жүрөсүң" деген Болуштун сөзүнө акаарат кыла алган жок, "макул" да дебеди. Анткен менен ошол күндөн көп өтпөй анабашы бандиттин жылуу койнунан орун тапты.. .

***

Мына ошол сулуусу менен жаңы эле сүйлөшүп бүткөн, кечинде жолугушмак. Ушундай сонун абалда отурганда суук кабар айтылып жатпайбы. Кат менен келген сөздү үйүндөгү портретинин чекесинен тапканда элес бербеген неме Киргиздин чекесине чапталгандан кийин күнү-түнү ойлогону ошол эле. Өзүнүн ондогон жигиттери, алардын эл арасындагы кыска, узун кулактары да, бүтүндөй кримдүйнөнүн мыкчыгерлери да "өлүм апкелемдин" авторун аябай издеп жатышты. Азырынча эч кандай илинчек жок. Ал эми Болуштун үйүнө андай кагаздын келиши аны жасагандар оңой менен колго түшүп берчүлөрдөн эмес. Ошондон жарым саат өтпөй "кат" жөнүндө шаар милийсасы да, прокуратура да угуп план-версияларын айтып эсептеп, чоттоп турушту.

Болуштун үч жигити базарга барып жанагы кат апкелген селсаякты машинага жийиркене салып Болуштун үйүнө, анын дал маңдайына апкелишти. Болуш короосундагы бактын көлөкөсүндө эле. Жанына бир жигитин калтырып, өзү сурак баштады:

- Кат апкелдиң беле, ушул үйгө?

- Ооба, апкелип бергем.

- Ким берди эле?

- Бир узун бойлуу кыргыз. Көз айнекчен. Башына кыры чоң шляпа кийип алыптыр.

- Эмне деп берди катты?

- Мени ээн жерге апкелип айтты: "Мобу катты Болуштукуна алпарып бер. Акың мына деп жүз сом берди. Анан өпкөгө бир койду. Алпарбасаң мууздайм дейт. Жүз сом берип жаткандан кийин аткез бермек белем.

- Кат жөнүндө кимге айттың?

- Эч кимге айткан жокмун.

- Айтпасаң жакшы экен. -Болуш жанындагы жигитке буйруду: -Буга акча берчи, базарына барып биздин денсоолук үчүн ичип койсун.

- Жигит селсаякка акча карматты да короодон чыгарып жиберип кайра келди.

- Кеч киргенден кийин, - деди Болуш үйгө кирип баратып. Ошол түнү селсаяк шаарды аралай акчу сууга чөгүп кетиптир. Эртеси эртең менен табылды өлүгү. Кечээ кечке жуук өлө мас эле, өзүндөй досторуна аракты аябай алперип жаткан дешет.. .

***

Өлүм апкелчүлөр негедир апкелбей кечиктирип жатышты. Адам баласынын жаратылышы кызык эмей. Болуш ошол өлүм апкелген күндү кадимкидей күтүп жатпайбы. Ал күн келсе жарык дүйнө менен коштошчу күн болорун билип, андан аябай сактанып эсеби жок эки кадам аттабай жатып өлүм келчү күндү чыдамсыз күткөнүн карабайсыңбы.. .

Болуш ал катты алгандан жарым жылдан көп убакыт өттү. Анда күз мезгили эми жаз келди, өлүм алиге келе элек. Ошол өлүмүн күтүп жүрүп Болуштун далай иши калды. Жалаң гана сактанып, кайтарууда жүргөн неменин кайсы иши бүтмөк. Эч кимге айтпаган планы боюнча ушу жайда чет өлкөнүн бирине эки-үч жылга, а балким биротоло жашаганга кетет. Баш-аягын жыйнап, финансы иштерин жолго коюп топтогон дүнүйөсүн дагы бир ирет эсеп-чоттон өткөрүп, ордуна ишенимдүү деп тапкан бир тың жигитин таштайт.

***

Ата-баба көрбөгөн заман келгенде коймаарек мүнөз адамдар оозун ачкан бойдон отуруп беришти, эч нерсе ала албай калышты. Ал эми шылуундар тобу, ал шылуундар өңчөй коммунисттер экен, жалпы элдики деп ондогон жыл айтылып, сакталып жаткан мүлктү бир түндө эле бөлүп алгандай болду. Ананда демократпыз дегендердин тамагынан баары өтүп, курсагына опсуз бата берет экен. Коммунисттер менен жула талашып алар да жакшы жешти, жалпынын мүлкүнөн. Бир ирет орус телесинен чөөлөрдү көрсөттү эле - буйволдунбу же зебранын тарпын жыйырма-отуздай чөө көз ирмемде тытып кетибатпайбы. Дал ошол чөөлөрдөй тытып кетишти эл мүлкүн.

Дал ошол эл мүлкүн тытып кеткен чөөсымалдардын бири Сатар деген жигит эле. Бу неме комзаман кыйрап баратканда ошол замандын коргоочусу эле. Коммунисттердин соодасы бүтөрүн сезген бу шүмшүк далай азап менен өтүп кызматтан кызматка которулам деп үмүт менен жүрчү неме коммунисттик билетин бир чогулушта жерге чаап эми мен демократмын, элдин талабын коргойм, элдин керегине жарап берем деп жүрүп килейген ишканадан бир-экөөнү кыкка турбаган акчага менчиктеп алды. Дагынкысы дагы болду. Анан Сатар коммерциялык банк ачып миңдеген адамдарга акчасын салдырды. Рекламанын жаналгычтай күчүн даана түшүнгөн неме андан акча аяган жок. Банктын аты да мыкты койулгандай эле. "Айкөл" деп. Мына ошол айкөлүң эки жыл өтүп-өтпөй банкрот деп табылып, жабылып тынды. Миңдеген адамдардын акчасы дайыны жок кетти. Эки-үч жылдай сот артынан сот болду, Сатар сопсоо эле калды. Калганда да ар-ар жерде укмуштуудай суммадагы акчасы бар эле. Ал сумма сот, прокурор баш болгон далай адамдарга берилген акчадан калганы болчу.

Сатар кийин Россиядан темир-тезек ташытууга өттү. Металлдан жасалган үй буюмдарынан үй жылытчу батареяга чейин ташытат. Бишкекте үч кафе, рестораны, чакан базары бар. Өзү туулган райондо кеминде беш-алты жакшы таанышы жылкыларын багат, элдин айтымында жүз чамалуу дейт. Улуу аялына дүнүйөнү кенен бөлүп берип жаш аял алган Сатар. Ал кичүү аялы желмогуз неме экен эки ирет чет өлкөдөн иш таап беребиз деген фирма ачып долларга туйтунгандан кийин жабылды. Сотко бергени сотко берип, сотко бербегени рэкет менен коркутуп көрдү. Эч майнап чыккан жок. Сатардын укуругу узун эле, акчасы кенен эмеспи. Ошол кийинки аялы эки желфирмасы менен элүү миң доллар жасап жиберген тура. Аялды өлтүрөбүз деп жулунган эки жигит азыр соттолгону жатат. Ушундай капкан эрди-катын.

Бу Сатар жөнүндө Мырзабек көп укту. Бөтөнчө боздогон пенсионерлерден көп укту, машине койчу жайга эриге басып келип кобурашкан.

Самат экөөнүн эмдиги "эрмеги" ушул алчытаасын небак жеп бүткөн Сатар болду. Сатарды жакшы билгендердин айтуусунда бул адамда уялып, бет кызартуу деген көрүнүшү таптакыр эле болбойт экен. Кайдан табышканын ким билмек, аялы экөөнүн баскан-турганы, сезимдери койондой окшош дешет. Уят-сыйыттан кийин туулуп калган деп койот эмеспи мындайларды.

Саматтын аялы ары-бери кубулма артисттик жагдайы да бар дешет. Туристтик бир желфирмасынын ишин териштирип бу жапжаш туруп ондогон адамдардын оңбогондой акчасын алеки саатта алдап алчу катындын катыгын бербесем элеби деп милийса министрлигинен келген бир белдүү тергөөчү а катындын жазасын бермек түгүл өзү эптеп кутулбадыбы. Окуя мындай болубатпайбы.

Тергөөчү бу аферистти бир-эки ирет кабинетине чакырып, сылык-сыпаа сураган кылды. Ал бет маңдайында отурган бу укмуш сулуунун элди алдачу кебетеси көрүнбөйт. Суроого токтоо жооп берип, назик сүйлөйт. Тээ көкүрөктүн тереңинде бир катуу кайгы бар сыяктуу. Көздөрү аянычтуу караса туруштук берер жан жоктой. Ошол биринчи суракта эле бу татына келин таржымалын айтты. Ата-энеси аябай таза адамдардан экен. Ошонун айынан оокатка кенен жетпептир. Ошентсе да жети баланы багып өстүрүптүр. Атасы рактан кайтыш болуптур эки-үч жыл мурун. Энеси да катуу оору экен. Рак дебатышыптыр аны да. Анан калса эки эркек бир тууганы да айыкпас кан оорусу менен ооруйт экен. Бүлөнүн бул түйшүгү ушул жаш келиндин мойнунда тура. Ошон үчүн анча-мынча мыйзам бузулса бузулгандыр. Ушинтип айтты келин, көзүнө жаш алды. Дал ушул абалы тергөөчүнү туткундап алгандай болду. Керемет сулуунун маңдайында көз жаш кылып отурушу, жаш сүртүп кылгыра карашы, барандуу төшү демиге соккондо ошол эки дөмпөк көтөрүлө түшүп кайра ордуна келгендей болгону, жамбаш сандарына жабыша тигилген шымы.. . баары, баары тергөөчүнү "күнөөкөр" кылып азга калтыратып турду. Анан да келин айтыбатпайбы:

- Сиздей сымбаттуу, мощный эркегим болсо таянарга деп ар дайым эңсей берем, - деп.

Ошондо тергөөчү ырас эле "мощный" денесин сезип алды, эртеси башка жерден экөө гана жолугушмай болду.

Эртеси бу Ася аттуу жаш келин тергөөчүнү көп үйлөрүнүн биринде жакшы күттү. Стол мыкты даярдалды. Болжошкон саатта тергөөчү босогону аттап эле муңайуу менен жылмайуунун ортосунан жаралган жүзү менен тоскон жаш келинди имере тартып туруп жүзүнөн сүйүп алды. Ал иштен кайра кайта албай, өпкөнү, куушура кучактагы, чектен ашып, жаш келиндин ороло кучактай назик онтогону кошул-ташыл болуп тергөөчү мөлт эле эриди, оо көптөн кийин уктоочу бөлмөдөгү керебеттен туруп жолой элек столго барып эми гана жүз граммын сокту.. .

Экөө ошол түнү таңатканча эзилишти.

- Бул иштен кутултам. Бир аз каражат керек, - деди тергөөчү эртең менен аялына айтчу "өкмөттүн ишинен" кетип жатып.

- Бүгүн эмес, эртең алпарып берем, алтыным. - Аял тергөөчүнүн мойнуна асылып дагы бир ирет назданып, беркини аз жерден жок кылып жиберчүдөй эрите жаздады.. .

Эртеси дал болжошкон маалда жаш сулуу тергөөчүнүн кабинетине кирди. Тергөөчү келинди тура калып тосуп отургузуп анан дароо эле эшигин беките калып жатпайбы, тилеги кургур.

- Бүгүн эмес, байке, - деди келин тигил эч нерсе айта электе эле, - эми мен сиздикимин да.. . Мен шашып турам, момуну бергени эле кире калбадымбы. -Келин гезитке оролгон бир чакан китептей болгон немени тергөөчүнүн колуна карматып эшикти кайра ачтырып сыртка чыгып кетти.

Тергөөчү бергенди колуна алып мынчалык көп акча майда кагаздардан чогулган го деп бир ойлоп үлгүргөнчө гезит жазылып ичинен кассета чыкты. Тергөөчүнүн денеси зыр этти. Маселе эмнеде экенин али билбесе да бир коркунучту сезгендей болду. Кассетанын тыяк-быягын карап эч нерсе көрө алган жок. Кандайдыр бир катпы, жазуубу бар бекен деп гезитти аңтарды - эч нерсе жок.

Кассета көрчү бир бөлмөгө барып кайра тартты. Мунун ичинде бир балээ болсо эч ким күбө болбошу керек дегенди ойлонду. Дароо үйүнө келди. Үйүндө эч ким жок болчу. Аялы иште, эки студент уулу окуусунда болсо керек.

Кассетаны коюп телевизор тиктеди. Кудай бетин нары кылсын, энеден туума жылаңач келиндин наржагынан бир чыгып, бержагынан бир чыгып жыпжылаңач өзү жүрөт. Эркелеткен, эрип кеткен менен "ахтар" кулак тундурат.. . Тергөөчү ордунан ыргып туруп кассетаны сууруп алды да, биртопко шалдая отуруп уйгу-туйгу ой басты, демиккен демин токтотту. Бул кассета шантаж экенин дароо эле түшүндү. Шантажы го шантаж экен, ал эми шарты кандай болду экен? Кассетада телефон номуру жазылган болчу. Ошол номерди бурады:

- Алло.. .

- Угуп жатабыз.. . Ким керек?

Бул үн Асяныкы болчу. Тергөөчү тааныды. Трубканы койо салды эч нерсе айтпастан. Эмне кылуу керек? Тергөөчү ушул суроону берип жооп таппай турду. Эмне кылмак эле, келиндин айтканын кылып кассетанын дагы бирин алып жоготуш керек. Бу кассета копия экенинде талаш жок.. . Алиги көз сүзгөн, өзүнө дароо жипсиз байлаган келин балээ тура. Бул кассета бирөөлөрдүн колуна түшүп ачыкка чыга турган болсо, анда өлгөн жакшы. Бул ишти кан буугандай кылып токтотуш керек.

Тергөөчү телефонду кайра алды:

- Алло, Асясыңбы?

- Ии, угуп жатам, - деди трубканы алган Ася, тергөөчүнү жазбай таанып.

- Көрдүм, - деди тергөөчү ачуусун жашырганга аракет кылганы сөзүнөн даана сезилип, -качан кезигишели?

- Кезигишкендин кажаты барбы?

Келиндин бу сөзү тергөөчүнүн жинин келтирип, жанын кейитип жиберди:

- А кассетаны неге бердиң эле?! Шартың кандай?! Айт эми, болору болгондон кийин.

- Шартты мен эмес, ошол кассетаны тарткандар айтат. Менде күнөө жок. -Келиндин үнү аянычтуу чыккандай болду. -Мени кыйнашып.. . Мен кантип эле сизге.. . -Бу жолу келин бышактап койо берди. Эми эле каны кайнап турган тергөөчү жумшара түшүп, а турсун боору ооруй былбырай айтыбатбайбы: -Кой ыйлабачы, алтыным. Баары өтүп кетет.. . Өзүм жардам берем.. . -Бу тергөөчүгө айла жок экен го, өзүнө кимден жардам сурарды билбей дүйнөсү куушурулуп турду эле, эми карасаң "жардам берем" деп.

- Мен эртең чалайынчы, - деди дале бышактаган келин, анан кошумчалап койду, -берекем десе.. .

Тергөөчү трубканы койуп эмелеки "берекем десе" деген сөзгө эрип-эрибей жыргай кетти. Эркекте ар жок экенин ушундан бил - тергөөчү келиндин келбетин кылыктарына кошуп бир сыйра элестетип жиберип, ушул азыр жетип баргысы келибатпайбы.. .

Тергөөчү эртеси ишинде отурат эле Ася телефон чалды:

- Мени кыйнап жатышат.. . Эгерде миң доллар апкелбесе кассетаны теленин эки каналына беребиз дейт.

Муну уккан тергөөчүдө жан жок. Теледен чет-бучкагын көрсөтсө бүт элге шерменде болду дей бер, бу көрөк өлүм жеңил, өлүм жыргал. Азыркы журналисттер да ит болушат экен. Кимдин былыгы кайдан чыгат деп аңдып эле турушат. Бу кассета алардын колуна тийсе өлкөдө боло элек чоң окуя жаратып дүң кылары бар.

Тергөөчү аталган сумманы бир жуманын ичинде таап бермей болду. Анда миң доллар эмес, андан оголе көп бар болчу. Жөн гана жок экенин белгилеп, эптеп жатып араң тапкандай болуп, тергөөчүнүн эч нерсеге арзыбаган айлыгы менен жашарын, эч качан пара алып көрбөгөнүн белгилеп, көрсөтүп, ишендирип туруп бермей болду. Асяга ушуларды күндө телефондон айтып ишендиргендей болду окшойт. Бирок куу катын тергөөчүнүн бир да сөзүнө ишенген жок. Мунун кандай адам экенин жакшы түшүнүп алган аз эле күндө.

Ошентип бир жумадан кийин тергөөчү экинчи кассетаны колго алып, ордуна миң долларын карматты. "Сени кыйнаган жокпу тигилер, кандай жардам керек?" деген тергөөчүнүн сөзүнө келин "ушуну менен жайыма койот көрүнөт, бирдеме болсо сага айтам" деп көңүлү жай.. .

Келин азезилдеп аткан неме эле да. Кенедейинен калп сөз менен чоңойуп бирөөнө догурунганды энесинен мыкты өздөштүргөн. Атасынын өлгөнү, энесинин, бир туугандарынын оорусу карандай калп болчу. Атасы беш-он жыл мурун бүлөсүн таштап кеткен. Биртуугандары кезек-кезек түрмөгө түшүп турушат, өгүздөй соолугу бар немелер. Тергөөчүнү өзү менен кумарга батканын эшиги ачык турган шифоньердин бир текчесиндеги теледеги ойношунун камерасы тарткан. Аны керебетке жатарда чечинип жатып иштетип койгон эле. Аялды көрүп эт-бетинен кетип жаткан тергөөчүнүн көзүн туман басып, көңүлүн кумар басып турса кайдан байкады.. .

Тергөөчү миң долларын санап берип, дагы бир күндөн кийин бу азезил аялга укмуштуудай алданганын билди. Чуу салган жок, окуяны унутууга шашты, кийин эсептешип алат!

Сатардын бу жаш аялынын ушул жана башка толгон иштерин Мырзабек эрмектеше койчу эки чалдан жакшы уккан.

Далайды какшаткан Сатар Бишкектин кримдүйнөсүндөгү бир топ авторитеттер менен да, милийса, прокуратурада иштегендер менен да дурус мамилеси бар тура. Өзү кримдүйнөнүн эсебинде болбогону менен жигит жандатып шектүү жүрөт.. .

Ошол күнү Сатардын көңүлү көтөрүңкү болчу. Анткени кечээ ресторан, кафелеринен түшкөн бир айлык киреше өз эсебинен алда-канча көп болуп, анан да шаардын кымкуут көчөлөрүнүн биринде май куйуучу жай курууга архитектурадан улуксат алган. Эртең менен саат тогуздарга туруп керилип-чойулган болду да түз эле барып муздаткычты ачып пиво ичти, кечээ бир-эки жолдошу менен ийгиликтерин майлап азга баш ооруп турган. Пиво муздак экен, мээге чыга түштү. Андан көрө жүздү баспайбы да. Аз өтпөй денеси азга нымшып көңүлү дагы бир тепкичке көтөрүлгөндөй болду. Жана жүздү ичейин деп баратып кайра тартты. Башка ичүүгө болбойт. Бүгүн саат туура он экиде бир чүрөк менен жолугушуп мыкты ресторандардын биринен тамак ичишет. Дал ошол жерде Сатар ал чүрөктү чет өлкөнүн бирине он-он беш күнгө эс алып келүүгө чакырат. Бу чүрөк жаш аялынын бир тууган бөлөсү болчу. Эми-эми университетти бүтөм деп кулпуруп турган. Дал ошол кулпуруп турганы Сатарды курутуп жатпайбы.. . Ася муну билсе алаамат чыгышы турулуу кеп, ошондуктан Сатар өтө сак, өлөсак. Асясы болсо бир айдан бери асылып жүргөн бир бизнесменге бүгүн көрөйүн деп кезигишүүгө үмүт эттирип койгон. Ал жөнүндө Сатар билбесин. Билсе "өлөм" деп убара кылат, кайра-кайра коркутуп. Азырынча анын өлүмүнүн кереги жок. Бир машинадан башка Асяга эч нерсе каттала элек.. . Ошон үчүн Ася Сатарды "алтыным, шумкарым, айкөлүм" деп турушу сөзсүз керек. Үч үйүнүн бири, ресторан, кафелердин дагы бири өзүнө катталса анан Асянын экинчи өмүрү башталат, ал өмүрү эң кызыктуу болот эмеспи.. . үмүтүндө, ошол үмүтүнүн тээ тереңинде.. .

Ошентип экөөнүн көңүлү эки жерде, эки башка адамда болуп, аны бири-бирине билгизбөөгө өтө кылдат аракет кылып, бири-бирине жасалма жылмайуу жасап, тартуулап турушканда эшиктин коңгуроосу кагылып эшикти ачкан Асягы бир секелек бала кагаз карматты да кайра артка чуркады. Ася кагазды ачты, окуду: "Мен сага өлүм апкелем". Ася бул жөнүндө уккан эмес, сырын билбейт, таң кала дагы бир ирет окуп Сатарга үн салды:

- Сатар, мобу кагаз сага келген окшойт, ме окусаң.. .

- Ал эмне экен? - Сатар ашкана тараптан келип Асянын колундагы кагазды колуна алып окуду: "Мен сага өлүм апкелем". Жүрөгү шуу этти. Бул сөздүн сырын жакшы билет, көп уккан. Кайсактай кетти. Кайра окуду:

- Ай, муну эмне мага бер дедиби? - деди аялына.

- Жок, жөн эле берди. Эч нерсе айтпай эле чуркап кетти апкелген бала.

- Анан эмне сага келиптир дейсиң?!

- Анан мага келмек беле.. .

- Жинди го.. . Эмне үчүн мага келиш керек?!

- Мен кайдан билесин, сага эмнеге келерин? - деп аялы төркү үйгө кирип кетти.

"Эмне үчүн мага келиш керек? Жок, бул мага эмес тиги шуркуяга келди. Далайды ыйлатпады беле турфирмасы. А турсун тергөөчүнү сызга отургуздум деп жүрбөдү беле.

- Ме бул кагаздын мага тиешеси жок, келсе сага келгендир, - деп Сатар аялынын артынан кирип кагазды анын алдына таштады.

Аял телевизорду коюп тизе жыйырып отурган. Элесинде алиги бизнесмени. Күйөөсү ыргыткан кагазды алып жан жагына таштап койду. Эч нерсе айткан жок. Ою башкада эмес беле, ал оюнан кайткан жок. Кимге ким өлүм апкелип жатканы менен анын эмне иши бар.. .

***

Бу күнү Сатар эч жакка чыккан жок. Жалаң гана эмне кылыш керек деген суроо менен күн өткөрдү. Эртеси таң эртеңден туруп жакын досторум деген эки бандитке телефон чалып "кара кагаз" алганын айтты. Андан соң ички иштер министрлигиндеги дагы бир жолдошуна телефон чалып, анын "үйдөн чыкпа, калганын эртең сүйлөшөбүз" деген кеңешин укту. Ал күнү да Сатар үйдөн чыкпады, эки-үч жигитин чакырып, керээли кечке алар менен карта ойноду.. .

Эртеси саат түшкү төрттөрдө телефон шыңгырап, уктай албай жатып жаңы эле көзү илинген Сатар эптеп көзүн ачып телефон көтөрдү. Ресторандын кароолчусу чалып анын өрттөнүп жатканын айтты. Сатар ордунан атып туруп башка бөлмөдө жаткан жигиттерин бакыра ойготту:

- Эй, тургула, ресторан өрттөнүп жатыптыр! Жөнөгүлө!

Бул Сатардын айласы кеткенде аракети эле. Болбосо бу жигиттерге кимдин рестораны өрттөнүп жатканы менен кандай жумушу бар десең.

Жигиттер шаша туруп жөнөп кетти.

Ошол күнү Сатар дагы эки жаман кабар алды - дагы эки кафеси ресторан менен кошо түндө эле өрттөлгөн экен. Эки кафе этаж үйлөрдүн алдыңкы этажында, ал эми ресторан өзүнчө эле, эки этаж, экинчиси мейманкана. Үчөө тең тегиз өрттөнүп кетти. Илгеркидей камсыздоо дегени жок да, бул өрттөнгөн ресторан, кафелер үчүн эч ким бир тыйын бербейт. Сатардын ичинен кан өтөт, анан да өлүмү кай жактан келерин ойлоп жаткан бөлмөсүндө кенен баса албай ар дабышка кулак түрүп жүрөк жок.. .

Ошол өрттүү күндүн түнү Сатар менен Асянын БМВ, Аудилери да машине койчу жерден өрттөнүп кетти, аны менен удаа Сатардын жээни караган бала-чакасы менен короодогу чакан үйүндө жашоочу шаар үстүндөгү он эки бөлмөлүү хансарайы дүрт эте күйүп кетти.. . Баарын ким өрттөгөнү, кантип өрттөгөндөрүнүн дайны жок, өрттөнгөнү гана айкын. Өрт өчүргүчтөр алардын бирин да сактап кала алган жок. Кабар кеч алынып, өртчүлөр кеч келгенден болду.. .

Сатар башын мыкчып, чачын жула жаздап өрттөнгөн дүнүйөсүн кайра-кайра чубап эсептеп өткөрөт, кан өтөт ичтен, оңой бекен анан эки кафе, бир ресторан, эки машине, килейген үй. Аларды долларга айландыра келсе бир миллионуң бери жакта калары бар эле.. . Ал миллион Сатардыкы эмес болчу. Анын капа боло турган деле жолу жоктой.. .

Сатардын жүрөгү барча-барча тилинип турду. Өрткө кеткен миллионго кошулуп келем деген өлүмү келелекте эле өлтүрмөй болду, ичкени ирим, жегени желим. Баягы көңүлдөшү балдыз-бөлөсү эстен чыкты. Өлүм дегениң эне-атаң менен бала-чакаңды, а турсун "сен үчүн өлүп берем" дечү эң бир арзыган адамыңды да эстен чыгарат экен. Бир топ убакытка чейин бир алыс жакка кетип башкалкалап турмай болгон Сатар тыяк-быяктагы акчаларынан чогултуп кирди. Бензин куйчу жайдын курулушун баштайм деп турду эле, анысы калды азырынча.. . Сатар шашылыш Украинага учуп кетти. Украинанын Львов деген шаарында илгери аскерде чогуу кызмат өтөшкөн досу бар эле, азыр бизнес жасайт, ошонукуна кетти азырынча.

Асяга ушул абал жыргал да. Анча-мынча болсо да чочугансып турчу күйөөсү жок, акчасы каалашынча дегендей. Каалашынча дегени ошол - ушул азыр өзү билген жерде туптуура 60 миң доллары катылуу эле. Анын жүз миңден ашыгын бир чет элдик банкка которуп, өзү да ошол жакка кетмек акыр түбү.. .

Сатардын кеткенине үч күн болду. Күнгө ишемби эле. Ася эки теңтуш келинин кечкиге чакырып баштаңмай кылмай болду. Ал келиндер бирден күйөөнүн баштарын жеп, азыр өздөрүн өздөрү билип далактай-шалактай жүргөн немелер.. .

Саат жетилерде эки келин келип дурус даярдалган столдогу арактан эки-үчтөн баскандан кийин азга кызып калышты. Асяны да ичиришкен. Бир саат өтүп-өтпөй үч жерден үч аялдын үнү чыгып шарактаган күлкү жаңырып, кылтылдаган-жылтылдаган жүздөр бажырайып көздөр аздап койууланып кээ бир эркектердин элеси келип, телефондору эстелип көңүлдөр кулпуруп, кумар козголуп, аны сонун сөздөр коштоп, каткырыша кетип алды телефонду колго алып калган кез эле. Аңгыча эшиктин коңгуроосу кагылды. Сырт али жарык болчу. Сезимде жалаң жакшылык болуп турганда адам да, аял да сактанбай калат. Ася барып эшикти шарт ачып жиберди. Кара көз айнек тагынган сомодой эки жигит карп-күрп кирип келишти. Делдейе калган Асяны кирген немелердин бири моюндан акырын аткый кармап, бу келген ким болду экен деп кулак түрө диванда тынчый отурушкан эки келиндин жанына отургузушту. Алардын бири ордунан атып туруп бирдеме деп айтып акаарат келтирмекчи болду эле, эркектин бири анын мойнун да капшыра кармап экинчи колу менен тапанча сууруп анын дал оозуна такады, үндөбөдү. Мунусу оозуна тапанча такалып тилооздон калса, беркилери тапанча такалбай эле эстери ооду. Үч аялдын буту-колдору таңылып, ооздору скотч менен чапталды. Эми эки эркек маскачан эле. Алардын бири бир бөлмөдөн үтүк көтөрүп келип телевизор сайылган точкага жанаша точкага ошол үтүктү сайды, анан анын ысышын күттү. Үтүк жаңы, чет элдики экен, бат эле ысып берди. Үтүктү сайган неме үстөл үстүндөгү минералсуудан ууртап үтүккө бүрктү эле, чарк этип тумандай түштү, оңбогондой ысыптыр. Үтүктү алып Асяга келип бетине жакындатты. Аялдын жүрөгү түшүп бар-жогун сезбей жатты эле, ого бетер жаны суурулду. Көзү аңтарылып барат.

- Акча кайда?! - эркек үтүктү дагы жакындатты.

***

Аялдын оозу чапталуу да, бирдеме деп айтып жанталаша жаңсап жатат, телевизор турган бурч жакты көрсөтүп. Эки эркек ал жерге барып эңкейип паркет полду кармалап көрүштү, бири асынма сомкесинен кичинекей балта алып чыгып эки жыгач бириккен билинер-билинбес жылчыкка мизин салып омуруп жиберди эле, кичинекей жыгач ыргып кетти. Ошондон дагы беш-алтыны омурду, анын астында целлофанга оролгон акчалар экен - доллар. Эркектин бири беш-алты таңгакты бир бөлмөгө көтөрүп кетти. Берки аялдарды акмалап, телевизор көрүп жатат. Бир маалда акча көтөрүп кеткен эркек чыгып аялдарды тургузуп ваннага киргизип эшигин жапты, сыртынан бекитип койду. Анан берки эркек экөө телевизордун үнүн дагы да бийиктетип баягы Болуштун үйүн кескилегендей ишти башташты. Шашкан жок, иштин "майын чыгарышты": катуудан казан калды бири шайтандыкынан кичине, бири чоңураак. Кескиледи, талкалады.. .

Ваннада тыгылышкан үч аял таң агарганда гана сыртка чыгууга белсеништи. Ашкананын терезесинен билинди агарган таң. Бири-бирине артын салышып, эптеп колдорун чечишти, ооздорундагы скотчту сыйрышты. Ана көрүп ал - бүт талкаланган, бүт кесилген, ойрондолгон буюм-теримдер. Бул төрт бөлмөлүү там евроремонт дегенинен өтүп ичи оокатка жакшы толгон эле. Өмүрү үйүндө кымбат, жакшы оокаты болбогон Ася колуна акча тийип, көзүн көп караган күйөөсүн өзү билип үйдү оокатка аябай толтурган эмеспи. Бир артыкчылыгы бар экен, анын да бүт оокаты сапаттуу, кымбат, чет элдики болчу. Мына ошонун баары ойрондолуп жатты. Капасын, кайгысын, ызасын кайдан чыгарарды билбеген Ася төркү бөлмөгө кирип күлмайда бырчалана кесилген долларын көрүп боздоп-боздоп алды, алтымыш беш миң доллар болчу. Бул суммада далайдын көз жашы бар эле. Эми Асянын көз жашын аеосуз агызып жанын чыдатпай ботодой боздотуп турду. Бир келин милийсага телефон чалып жиберди. Алар бат эле келип наркы-терки өтүп көрүп, сурап жүрүштү. Асянын жүрөгү согуп-сокпой "тез жардам" чакыртылып укол сайып эсалдырып кетишти.. .

Милийса мындай окуя былтыр баланча шаарда болгон деп окшоштуруп коюп кол жайып отуруп беришти, жасагандардын дайыны жок эле.

Ася он күндөй ошол талкаланган үйгө барбай бир келиндин үйүнө конуп жүрдү. Сатарды чакырайын дейт, Украинанын кайсы шаары экенин билбейт. Капасын, ызасын арактан чыгарат. Күнү-түнү ичип, боздоп ыйлайт, сөгүнөт, тилденет.. . Бир күнү жадаган үй ээси келин: "Эми ичкениңди токтот, же башка жерге барып каалашыңча ич, бу жер сага араккана эмес да" деди эле, түз айтылган сөзгө аябай таарынып, дагы бир теңтуш келиндикине келип да бир жума ичти. Мурунку келинден уккан сөздү бу келинден да укту. Ошондо гана ойрону чыккан үйүнө барды. Үй ичи баягы талкаланган калыбында эле. Үстөл үстүндө даярдалган тамак-аш жыттанып кетиптир, жан чыдагыс сасыйт. Эптеп аларды жыйнап акыр-чикир салчу чараны толтуруп, сыртка алып чыкты да, чака-макасы менен алып ыргытты. Кайра келип үстөл үстүндөгү алигиче оозу ачылбай бүтүн турган эки арактын бирин ачып ичкенин улады. Эртеси таң заарда түгөнгөн экинчи бөтөлкөдөн кийин сырттагы комоктордун бирине барып сумкасында калган акчанын баарына арак алды, үч бөтөлкө келет экен. Ошол күнү кечке ичти. Эртеси ордунан тура албай калды. Күнбү, түнбү ажырата албайт, сыртта жатабы, үйдөбү, анысы да ажырымсыз. Көзү ачылып-жумулганы менен эч нерсе көрүнбөйт. Калың туман каптагандай. Деми кыстыгат. Бирөө оозуна бир чоң кесим эт тыгып жибергендей тамагына кептелет. Мына, мына аба жетпей муунуп, үзүлүп кетчүдөй болот, чабалактайт.

Дал ушул учурда баягы "баштаңмайга" катышам деп колу менен оозу таңылып жүрөгү түшкөн келиндердин бири келди. Абалын билип койойун, уят ко антпесем деп келген. Эшиктер аңырайып ачык, адам чыдап карай алгыс чакчелекейи чыккан бөлмөлөр. Диванда Ася чалкалап жатат, кырылдап жатат, тили кекиртегине кептелип калыптыр. Келин бакырып барып аны оодара тартып оозуна кол салып жиберди. Тили ордуна келип өңү көгөрүп, акыркы демин алып жаткан Ася эсине келе түшкөндөй болду. Жок, эсине келбей эле дем алганы ордуна келген, өлүм өтүп кетти, аз жерден албай кетти. Теңтуш келин догдур чакырып Асяны ооруканага жеткизди.

Бу келин өз убагында келиптир, аз кечиккенде Асянын өмүрү ошону менен бүтмөк экен. Кабыл алган догдур киши айтыбатпайбы аракка аябай тойуп тилине какап өлгөн алкаштар аябай көбөйдү деп.

***

Ася экинчи күнү эсине келди. Эсине келер менен анын эсин эми догдурлар кайра оодарды, оодарганда да жанын сууруп алмай болду. Көрсө, кечээтен бери дарылап, куйчусун куйуп, куздурчусун куздуруп турганы үчүн оңбогондой акча сурашты. Сураганда тезинен алдырыңыз, болбосо.. . деп коркутушту. Болбосо уу берип өлтүрүп салабы же дагы бир балээ кылабы, аны чечмелешкен жок, бирок ошол "болбосо" деген сөздү аябай коркунучтуу айтты. Асяң дежур врачтын кабинетине кирип алып толгон-токой тааныш аял, эркектерине чалды. Бири дагы акча берем деп айтпады. Бүт баары "ка-ап, коротуп койбогондо бербейт белем" дегенди айтышты. Азыр акча таппаганыңдын азабы арбын экенин Ася көптөн бери биле элек эле, эми билди. Акыр аягы баягы өзүнө көзүн түшүрүп, көңүлүн тууралап жүргөн бизнесменге чалды эле, анысы акча сураган немеге эзиле кетпесе да бир сааттан кийин сураган акчаны берип жибериптир, ашык-кеми жок. Каап, көбүрөөк сурасам болмок экен деп калды Ася. Ошол эле күнү догдурдан чыгып, үйүнө келип ваннага түшүп, керээли кечке өңү-башын түздөдү, жасанды. Эртеси Сатардын айлына келди. Анын майда соодагерликти кез-кези эрмек кылган, көбүнчө бала-чакасы менен мал бакчу агасы бар эле, ошонун үйүнө келип тез арада беш жылкыны сатыш керек, акчасын Украинадагы Сатарга салыш керек деп эртеси жылкыларды саттырды. Дал базар ичинен тутам-тутам акчаны сомкесине салып, колтукка кысты.. . Анан кайсы күчтүн жетегинде калды ким билет, түптүз эле базарга жанаша толгон кафелердин бирине кирип жүз элүүнү куйдуруп отурбай эле бардын текчесин таянып туруп тартып жиберди. Артынан сок ичти, тамекини небактан күркүрөтө тартчу эле, тартты. Анан жана да жүз элүүнү басты. Бишкекке кеч күүгүмдө келип жетти. Үйүнө барып чакчелекей түшкөн бөлмөдөгү тилинген дивандын үстүнө кийимчен эле кулады.. . түн ортосунан оогондо ойгонуп кетти, бөлмө караңгы. Жердеги көр-жерди тебелеп-тепсей барып жарыкты күйгүздү. Баягы столдо турган бөтөлкөлөрдүн бирине жарымынан азыраак арак бар экен, эки бөлүп тартты. Кайра кулады диванга.. .

Ася эртеси саат ондордо араң баш көтөрдү. Башы шишип кеткендей уйуйт. Жан чыдагыс какшатып ооруп жатат, бир жагынан өлө кускусу келет, тили оозуна батпай суусап жатат. Эптеп туруп барып ашканадан суу ичти. Суу куйуп ичерге бир бүтүн чыны же кружка жок экен, колу менен жутту суудан. Кайра келип сумкасын ачты. Акчасын түгөлдөмөк. Анда акча эмес ташбалакет да жок. Жүрөгү жарыла жаздады, сумкасындагыларды төгүп жиберди, сумкасынын бир жак башы жыра тилинип жүрөт. Ошондо түшүндү. Акчасын автобуста же кафеде эле алдырган болуш керек. Ичинен кан өтүп кете таштады. Мээси бир зың деп алды да, жүрөгү айланып кускусу келип кетти. Кусту. Чачын мыкчый апчып чаңырып-чаңырып алды. Аябай ачуу чаңырды окшойт. Каңкая ачылган эшиктен ал үн бүтүндөй подңездди аралай чаап угулду. Бат эле эл чогула калды. Ася эми бир чыңырды, бу жолу анысы көпкө кайталанды. "Тезжардамы" эми бир келип алып кетти. Нервинен экен деди бир догдур, а ата көрү де, жин ооруга чалдыкканбы деди бир кошуна чал кемпирине.. .

Ася үч күндөн кийин ооруканадан качып чыкты. Тиги, бу тааныштарынан аз, көп өлчөмдө акча сурап баарын аракка салды. Мурда жабышып жүрчү үч-төртөөнүн төшөгүнө жатып чыкты. Үйү талкалангандан бери бир айча өтүп, Асянын далай эркекти энтиктирип таштачу өңү каралжын тартты, көзүнүн асты мүшөктөндү, кийимдери кирдеп, ич кийимдери убагында алмаштырылбай калды. Колу аракка тийбей калган күн боло элек. Алкаш болуп калган го.. . деген сөздөр айтылып жатты. "Алкаш болуп калган го" менен "алкаш" деген түшүнүктөрдүн айырмасы ашып кетсе бир-эки айлык мөөнөт. Көп күттүрбөчү азгантай мөөнөт.. .

***

Мырзабек менен Самат бул журттан чыккан желмогуз эрди-катынды ошол чекке жеткизип азырынча тек коймой болушту, ошол былыгына илээшип турса деле оңой эмес.. .

Эми экөөнө кадимкидей заказ түшкөндөй болду. Ооба, бул экөөнүн биртопторуна өлүм алкелгени жана апкелебиз деп убада бергенин эч ким билбейт, эч ким. Бирок экөө уккан окуя өздөрүнө атайын жеткирилгендей да туйулат.

Мырзабектердин ишинин жанында тамагы даамдуу, арзан бир чакан ашкана бар. Жумасына эки-үч ирет ушул жерден тамактана калып жүрчү Мырзабек анын ээси менен тааныш болуп алган. Кез-кези менен наркы-беркиден кеп козгошуп, эрмектеше калышат.

Бир күнү Мырзабек менен Самат ошол ашканадан тамактанып шашпай сүйлөшүп отуралы деп киришти. Тамак алдыга келип экөө шашпай ичип жатат эле, сырттан алты-жети сомодой жигит кирип келип колдорундагы килейген таяк, темирлер менен айнектерди, витрина, стол, стулдарды кыйратып киришти. Ашкананын ээси токтотмой болду эле, бир дөөдөй неме колундагы килейген таяк менен жыга чапты. Көз ачып-жумганча ашкана ичи талкаланып ичинде отургандар сыртка качып чыгышты. Алардын ичинде Мырзабек менен Самат да бар эле. Ортого түшүп арачалоого болбойт эле, анда сөзсүз бир кырсыкка кабылышмак, экинчиден, экөө тең - Самат да, Мырзабек да эч ким менен урушуп-талашууга укуктары болбошу керек. Бул экөөнүн темирдей бекем бүтүмү, шерттешкен эрежелеринин бири.

Экөө тең бул эмне деген талкалоо экендигин жакшы түшүнүштү. Бирок майда-баратына чейин билишпейт. Аны үч күндөн кийин ашкананын көзү-башы көгөргөн ээси айтып берди.

***

Айтып бергени ошол - азыркы кезде бүткүл өлкөнү каптап кеткен, чырмап алган окуялардын эле бири экен. Бу ашкананын ээси Кубат деген жигит эки бир тууганы менен биригип ушул ашкананы ачып алышкан. Бир жылдай иштеп табылга дурус эле. Аз мурун эки жигит келип ай сайын миң доллардан салык төлөйсүңөр дегенде Кубаттын күйбөгөн жери күл болот. Бул оңбогондой сумманы кайдан табат, анан да эмне үчүн төлөш керек?! Келген эки жигит экинчи жолобогула деген жоопту угуп кете беришет. Кубат да, эки иниси да көп нерседен элеңдебеген жүрөктүү немелер болчу. Төлөбөгөндүн кесепети - жанагинтип талкалап кетибатпайбы. Ырас ошол күнү Кубаттын эки иниси жок эле, алар болгондо сөзсүз бир кырсыкка кабылышмак - же өздөрү өлүп же тигилерден бир-экөөнү жайлап тынмак.. . Ошол талкалап кеткенден кийин дагы экөө келип: "Айдын аягында миң долларды даярдап койгула, бул Миканын акыркы сөзү" деп кетишиптир. Инилери "бербейбиз" деп жатат экен. Токтолуп калган Кубат эмне кылар айласын таппай ушу Мырзабектен кеңеш сурап жаткан тура. Бул сөздү кунт койо угуп бүткөн Мырзабек айтты: "Абалың кыйын экен, менин колуман бир нерсе келсе жардам бербейт белем, колдон келбейт. Сен Кубат токтоосуз милийсага арыздан" деди. "Арызданганда милийсадан эмне жардам болор дейсиң.. . " деди Кубат. Ал Мырзабекти кыйын экен деп ойлоп жүрбөйбү, көрсө коркок неме тура, калптан болсо да күпүлдөй албаган. Кубат ушинтип Мырзабекти жактырбай калды. Ошону менен сөз бүттү. Мырзабек да, Самат да экинчи бул ашканага барышкан жок. Мырзабек менен Самат "Мика" дегендин ким экендигин үч-төрт күндүн ичинде жакшы билишти. Анын баарын Самат тапты, анын милийсадагы достору оголе көп эмеспи. Ошентип Мика дегениң Миңбаев деген отуздардан эми өткөн неме экен. Күрөш, бокс, каратэ, анан да кикбоксингге катышкан неме экен. Бирине да атагы чыккан спортсмен болбоптур. Бирок жакшы таанымал неме экен. Мына ошол спорттук карьерасын аяктап досторунан топ түзүп, ал топ өтө күчтүү чыгып жаткан кези экен. Бишкектин, дегеле өлкөнүн кримдүйнө авторитеттеринин көбүн кыкка теңебей бир-эки эле анабашылардан ийменет дешет. Миканын тобу өтө тартиптүү, анан калса өтө мыкаачы топ экен. Аз гана убакыттын ичинде казак досторго чейин аты чыгып далайды чочутууга жарап калыптыр. Топ жалаң гана спортсмендерден туруп, бири дагы наркотик колдонбойт, ичкилик да ичишпейт экен. Алардын үстүнөн арыз түшсө ошол замат иш козгоп камап салчу милийсалар көп экен деди Самат. Далай бандиттер ачык эле бандиттигин кылып жүрөт, арыздангандар жок.

Миканын тобу кийинки эки жылдын ичинде атагы гана чыкпастан, финансысы да аябай өстү дешет. Топтун өзөгүн түзгөн төрт-бешөөнүн топтогон акчалары азыркынын миллионери деңгээлине жетип калган көрүнөт. Бул топтун мыкаачылыгын далай бизнесмендер көрүп азыр айтканын кылышат тура. Эки-үч өлүктү да ушул топтон көрүшкөн, бирок аларды күнөөлөгөнгө илинчек жок эле. Айтор, милийса да, биртоп кримтоптор да Миканын тобуна тиш кайрап, алардын эсебин табууга кезек келер деп күтүп жүргөн кези тура. Дагы айтышат бу топ жөнүндө - мыкты куралданган деп айтышат. Тапанчадан баштап гранатометко чейин бар имиш.

Эки жуманын ичинде Самат менен Мырзабек Миканын кайда жашарын, кай жерден тамактанарын, көңүл ачарын, аны кимдер коштоп жүрөрүн ж. б. толгон-токой жеке менчик нерселерин жакшы үйрөнүштү. Эми Миканын эсине келтирип же элге көрсөткөн кордугу үчүн эсил кайран кылып таштоо экөөнүн колунда эле. Ошол эки жумадан кийин Мика "сага өлүм апкелем" каракагазын колго алды. Алды да аны элес алган жок, "энесинин көтү" дегенди жиндене айтып кагазды тытып-тытып бирөө апкелген деп берген жигиттин бетине чачты. Кагазда жазылгандын мааниси ошол жерден эле унутулду.

Мика көптөгөн авторитеттерден айырмаланып жанын кайтартчу эмес, машинасын айдап өзү жалгыз деле жүрө берчү. Бир ирет жакын досу "жалгыз жүрбөсөңчү" дегенде "эмне кайтарып жүргөндөй катын белемин, ыя?!" деп досун кагып койгон.. .

Мика машинасын үйүнүн маңдайындагы гаражына киргизип, экинчи кабатка көтөрүлүп эшигин ачты. Үйлөнүп ажырашканы туура үч ирет кайталанган неме азыр бойдок. Дурус жасалгаланган үч бөлмөлүү квартирада турат.. .

Мика бутун чечип түз эле барып диванга кулап, анын алдында турган журналдык столдо жаткан пультту алды да, телевизорду коюп улам бир каналга которуп биртопко тандады да, бирөөнө токтотуп башындагы жаздыгын ыңгайлуу оңдоп кырынан түштү. Дал ошол маалда ачык турган балкондон бирөө чыгып Миканын башына эки ирет тапанча басып алды. Мика жаткан калыбында жатты, бирок жаны жок жатты.. . Аз өтпөй Самат көчөдө баратты. Анын үйдөн аман-соо чыкканын көргөн Мырзабек да үйүнө кайтты.

***

Миканын атылганы килейген шаардын кримдүйнөсүн да, милийса менен прокуратурасын да биртоп чуулдатып койду. Биринчиден, Мика эртең болбосо да бир күнү бүт кримдүйнөнү өз колума мыкчыйм дегендерден эле, экинчиден, өлүм апкелем деген немелер кутургандан кутуруп кетти.

Милийса министри дагы чогулуш өткөзүп бир-эки лөкүйгөн кызматкерин иштен айдап салды, дагы бир-экөө сөгүш алды, оозеки тил уккандар сансыз.. .

Дал мына ушул учурда өлкөдөгү кримдүйнөнүн анабашы, аны көп тогото бербей жүргөн дагы эки-үчөө жана башкалар болуп мен деген он бештей кримгенералдар чогулуп, "өлүм апкелип" жаткандарды тезинен табуу керек деген маселени талкуулашты. Мен дегендердин бири "Кабырга" деген авторитет да үч күн мурун "өлүм апкелем" деген "каракагазды" алган экен. Ошентип онбештей авторитет көпкө кеңешип майнаптуу эч нерсеге жетише алышкан жок. Аларды ким тапса жүз миң доллар сыйлык болот деген сөздү таратууга сүйлөшүштү жана тапкан адамга чын эле бермей болушту. Бул жөнүндө бийликке да айтмак болушту, закондоштурууга.

Милиция кызматынын мурунку мыкты эки кызматкери кылмыш ишин баштаса балээ башталары Мырзабек менен Саматтын кылгандарынан даана көрүндү. Нечен бир мыкты оперлер экөөнүн кылып кеткен иштеринен кенедей да илинчек таппай, кыларга айласын таппай турушту. Ал эми кримдүйнөдөгүлөр "өлүм апкелемди" жасап жаткан милийсанын же коопсуздук кызматынын өздөрү болушу мүмкүн деген кепти айта баштады. Ошонун чын-төгүнүн билүү үчүн алардын акыркы кеңешинде "өлүм апкелгендерди" табуу үчүн жүз миң доллар бөлгөндөн кийин, аны милийса уюштуруп жатабы дегенди билүү үчүн дагы жүз миң доллар бөлмөй болушту. Бул сумма менен жогорку эшалондогу милийса кызматкерлеринен "сүйлөшүүнү" көздөштү.

Ошентип "өлүм апкелгендер" буга чейин кыргызда болуп көрбөгөн чээнден чыккан окуя катары айтылып эл оозунан түшпөй турду.. .

***

Күндөрдүн бир күнүндө "мен сага өлүм апкелем" деген коркунучтуу кагазды милийса начальнигинин секретаршасына апкелип беришти. Болот ишке келе элек болчу. Кечээ Бишкектен кеч кайтып бүгүн түшкө чейин шашпай эс алмак.

Болот ишке түштөн кийин чыкты. Кабинетине киргенден кийин артынан секретаршасы кирип конверт сунду. Адреси жок эле Болотко деп жазылган. Болот конвертти шашпай ачып ичиндеги алакандай кагазды сууруп окуду. Жүрөгү шуу этти. Кечээ эле министрдеги чогулушта дал ушул ишке баш катырышкан. Болот бу коркунучтуу сөздү бир эмес, эки сыйра окуп, жини келгенине караганда корккону аша чаап, ошол коркунуч бүт денесин каптап кеткендей болуп, майда калтыракка бастырды. Ага бул жазылган эскертүү башка маанай апкелмек эмес. Анткени жаратылышынан коркок жаралган жан эле да. Дале болсо муну жазгандар ким болду экен деп толгон-токой өзүнө тааныш бандит эмес да адамдардын элесин көз алдынан өткөрүп жиберди. Анын бул тизмесинде Мырзабек сөзсүз алдыңкы орундарда турат. Анын ушул шектенүүсү менен министрликтеги тиешелүү адамдар Мырзабектин мурунку, кийинки баскан жолуна сары эсеп салып көрүшүп эч кандай шек-шыбоо табалышкан жок. Милийсадан небактан эле тажап жүргөн, ошонун натыйжасында андан кантип кетүүнүн жакшы шылтоосун издеп келген. Анан начальниги менен урушту өзү баштап, милийсадан кетүүгө арыз жазган. Белгисиз бирөөлөр үйүн өрттөп кеткенде ошол күйүтүнө чыдабаган аялы өз жанын кыйганынан кийин Мырзабек эч ким менен байланышпай, а турсун жакын туугандар менен да катышпай, түнт тартып, жалгыздык издеп калган. Азыр машина коюучу жайда иштейт. Эч ким менен контактка барбайт, эки бөлмөлүү квартирада турат. Ал законсуз иштерди жасайт же жасаган деп айтууга эч кандай негиз жок. Анын үстүнөн болгон көзөмөл мындан ары да улантыла бермекчи деген кызматтык отчеттун бир көчүрмөсүн Болот да алып окуганы бар.. .

Эми Болоттун ишинен башка да негизги түйшүгү пайда болду. Ал түйшүккө караганда өтө оор, коркунучтуу эле. Бул жөнүндө өзүнө өлүм апкелгендерден кабар келгендигин көзүнүн кареги менен кошо айланчу орунбасарына айтты эле, ал эки оперди гражданча кийинтип Болотту акмалатты, ал экөө Болоттун көлөкөсүнө айланды. Болоттун "кара кагаз" алгандыгы жөнүндө кабар милийсага чейин дароо белгилүү болду. Бандиттердин жогорку чөйрөсү да андан кабардар эле..

"Мен сага өлүм апкелем" деген эскертүү коштогон өлүмдөр бир топ эле болду. Адегенде бул эскертүүнү элес албай, маани бербей кол шилтеп койгондор эми анын күчүнө ишенип турушту. Ошол "өлүм апкелем" кагазы колуна тийгендер, өлүмдүн качан, кай тараптан келерин күтүп жаналакет түшүп жатышты. "Өлүм апкелемдин" кабары, таасири, коркунучу аябагандай күчтүү эле.. .

Мырзабек өзүнөн шек аларын беш колундай билет. Болот менен Болуш эч качан аны унутушпайт. Шек алганы шек алган. Ошондуктан ар иш аткарыларда Самат экөө ошол иштин планын ийне-жибине чейин талкууга алышат. Кайра-кайра эсептешет. "Жети өлчөп, бир кес" дегенди "миң өлчөшкө" чейин жеткиришет. Ошондон улам бир эмес, миң ирет шегалышсын - эч нерсе мойунга койо алышпайт. Анан да бул окуяларга ички иштер министрлигинде кандай реакция жасап жатат, Самат баарын билип турат. Жашырынгандар үчүн бул эң сонун болсо, издегендер үчүн трагедия да.. .

Милийсадан Болот, бандиттен Болуш, бизнесмен дегенинен Сатар колдоруна "каракагаз" алып, жегени желим болуп жүрөт. Болот менен Болуш жакындарынын көзүнчө "урганым жок!" деген сөздү айтып коркпостугун, кенебестигин көрсөткөндөй болгону менен элеңдегени элеңдеген, өлүмдөн коркпогон ким бар экен?! Сатар болсо небак карып бүткөн, өлүм көзүнө көрүнүп көз ирмем сайын.

Ал Украинада бир айча жүрүп кайра келди. Келбейт болчу, акчасы түгөндү, анын үстүнө армиялаш досу да азга тажай баштады көрүнөт.

Сатар үйүнө келип түштү, эч нерседен капарсыз келген да, талкаланган үйүнө кирип эси ооду. Азга унута түшкөн келчү өлүм эсинде кайра жанданды. Азыр бир бөлмөдөн бирөө чыгып келип тапанча менен атып жиберчүдөй же шамшар менен мууздап салчудай сезди. Аз жерден кыйкырып жибере жаздады. Көр-жерге толгон дивандын үстүндө бети-башынан тамтыгы жок шишиген Асясы жатат. Өлгөн сымал. Жок, тирүү экен, коңурук тартып койот, кез-кези менен. Сатардын мууну калчылдап кетти. Башкасын билбейт.. .

Ася андан бир саатча мурун келген. Сатардын бир жакшы таанышы бакчу жылкыдан дагы үчтү саттырып, ошонун акчасын чачып ичип жүрөт. Үйүнө келген сайын биринчи ирет уктоочу бөлмөдөгү өзү терип целлофан баштыкчага салып койгон доллардын күлмайда кесиктерин кармалап көпкө отурат. Жүрөгү ачышканда денеси титиреп кетет. Буулугат, жинденет. Муну алмаштырчу жай барбы ошону ойлойт, доллары бүтүн кезде санап жатып анын жытын кайра-кайра искегенин эстейт. Кесилсе да жыты кетпейт да, азыр да жыттайт. Жыттай берет, жинденет.. . Өзүнчө сүйлөнөт, сөгүнүп-сагынып.. .

***

Кыргызстанда "өлүм апкелгендин" сөзү, имиши көбөйүп, биртопторунун жүрөктөрүн сарысуу бастырып, биртоптору аны тапса тирүүлөй кескилеп өлтүрүүнү самап турган кезде Шумкар деген опсуз акчалуу неме орустун айкөл шаары Москвада жашап жаткан. Москваны айкөл дегендей бар. Бу сегиз-тогуз миллиондуу шаарга баары батат: ууру-кескиси да, киши өлтүргүчү менен террористи да, а турсун мамлекетинде көңтөрүлгөн-төңкөрүлгөн падышалар да келип жашай берет. Кимиси болсо да батып, сиңип-житип кетчү шаар Москва деген.

Шумкар Байсалбаев кыргызыңа да, Бишкегине да батпай турган болгондо бийликтегилердин эң бийиктери кеңешип туруп аны Москвага жеткирип тынышкан, азырынча деп чын эле пендеден чыкпас шум эле. Нечен бир мен-мен деген куу менен шумдар анын жанында кыкка турбайт экен.

Шум жетишпеген үйдө өскөн. Башына жүн чыгып, буту тамтуң баскандан эле издеп-табуу жолуна түшкөн. Энесинин эмчегин жанталаша соруп кан чыгара жаздачу какшатып. Ошондо энеси кенедей немени ээмп аткан жерден эле башка бир коюп алчу. Бир-эки үн чыгарып кайра басылып дале сөөктү сыздата сорчу. Эшикке өзү кирип-чыкканы колунан тамак түшпөйт, жечүсүн да жейт, жебечүсүн огобетер жейт. Нечен ирет колундагы чөп-чарды, икир-чикирди колдон жулуп алып көчүктөн ары чаап-чаап алчу апасы небак тажап бүткөн. Көзү көргөндү колу алат да түз эле оозго салат. Жанагы догдурлар коркутчу микроп-сикроп дегениң Шумду алалбайт экен. Ашказаны да укмуш чүпүрөк-сапырак, кум-топурак, ыразиңке-мыразиңке, кагаз-пагаз дегендерди анын ашказаны тамакка айландырып таштайт сымал, колуна тийгенин жесе да эч нерсе болбойт. Нанын да жейт, кумун да жейт, курсагы тойбойт. Үйүндө тамагы өп-чөп неме бир жакка барганда тартынбай жейт, эс тартып калганда деле. Куюп берген табагы эле тиш өтпөгөндөн калбаса, куюлган тамакты эзели арттырган жан эмес.. . Ошентип Шум жутунуп өстү, өтө куу болду, шум болду. Мектепти бүтпөй эле акчага кызыгып бир акчалуу жумушка кирип кетти. Анын чоңунун көзү менен айланды, кулу катары кызматын кылды. Шумдугу менен кошо кошоматын дурус өнүктүрүп, өстүрүп алган Шум чоңуна аябай жакты. Мектепти бүттү деген аттестат сатып берди. Дагы үч-төрт жыл өтүп Шум бир эмес эки институттун дипломун чөнтөккө салды. Чөнтөгүнө акча байрала баштады, дос күттү, кадыр күттү. Ошондой күндөрдүн биринде бир жакшы санаалашы, акчанын күчү менен санаалаш да, Шумду акча ордосуна орноштуруп салды. Ал - нефтебаза эле. Адегенде майдачоң болду Шум, аз өтпөй бу чакан нефтебаза анын колуна толугу менен кантип өтүп кеткенин ошол жерде чогуу иштешкендер да билбей калды. Бу нефтебаза Шумдун колуна тийгени ырасында укмуштуудай иштеди. Бензин да, акча да суудай акты. Эсебин билген жан жок, бир билсе Шум билет. Бензин менен дизелдин майы Россия менен Казакстандан келет, бажы дегенден өтөт. Шум каалаган тоннасын аз-аз салыгын төлөп өткөзүп алат. Анткени бүткүл бажыны мыкчып отурган Турманалиев анын өз кишиси эле да. Аны өз кишиси кылган да, тутам-тутам акча - доллар. Андай долларды Шум эми бирден эсептебей пачкасы менен санап ыргытып койчу. Ошону санагандан да эринген учур келди.. .

Дагы аз убакыт өтүп Шум бүтүндөй бир аймактын, болгондо да кыргыздын борбору орун алган аймактын бүтүндөй күйүүчү майын тейлегенге өттү. Долларың эми миллиондоп эсептелип, саналып калды. Машина көбөйгөнү элге бензин түтпөйт. Шумдун жигиттери майды күнү-түнү ташыйт, көз ирмем тыным жок. Эми Шумдун колунан эң чоң, эң бийик, эң коркунучтуу үйдүн анабашылары ала баштады. Бул иштин Шум үчүн эки жагы бар эле: бири - бийликтин анабашындагылар менен байланышы каалаган ишиңди жасай берүүгө жол ачат, бул жакшы, экинчиси - ошол лөктөрдү доллар менен тойгузуу оголе кыйын экен, аларың, кысталактар долларыңды акуладай жута берет экен, болду деген сөз болбойт экен аларда. Бул - жаман. Анткен менен биринчиси - жакшысы жеңип турат. Мамлекетиңдин анабашындагылар колдоп турса таңгак-таңгак долларың кеп бекен. Тойдум дешпешсе мейли да, бере берет, бере берет.

***

Бир ирет Шум бир миллион долларды кейске салып бир милийсанын генералына алпарып берди. Ал аны үлкөн чоңдун бирине бермек. Генерал кейсти ачкан да жок:

- Туурабы, - деди керейе.

- Туура, бир миллион.. .

- Санабай эле ишенейинби?

- Өзүм так эсептегем. Ишенбесеңиз санап көрүңүз, - деди Шум азга таарына үн чыгарып, - сиздерди кантип алдайын.

- Алдабайсыңбы?

- Жок, алдабайм.. .

- Эй, алдабасаң бу миллионду кайдан алдың?!

Шум мындай обу жок орой суроону эч күткөн эмес да, кай абал болсо да чыгып кетчү неме бу жолу мукактана түштү:

- Пайда.. . бизнесте деген.. .

- Ии, пайдасы ушунча дечи. Сенин ишиңден мынча пайда түшпөйт. Беш үйүңдү, жыйырма тогуз машинаңды ж. б. "пайдаңды" кошсок канча жыл болорун билесиңби?

"Мунун айтып турганын кара, энеңди гана.. . десе. Көтүнөн чыкканча алат да, айтканын кара!" деп Шум генералды жеп жиберчүдөй жек көрүп турду. Бирок бу шүмшүк аны кайдан билгизсин, түлкүдөй жойпу да, билмексенге салды, аңкоосунуп жатпайбы:

- Пайда менен жылдын эмне байланышы бар, жолдош генерал? Же бул пайда канча жылда түштү деп атасызбы?

- Ой энеңди.. . Куусуң ээ, шүмшүк. Түшүнбөс боло калганын бат эле. Эй, сенин тапкан "пайдаңды" түрмөнүн жылына айландырса канча жыл болот дебатам?! Шүмшүйүп канча жыл тор артында отурар элең дейм. Эми түшүндүңбү?

Шум анткор жалжактай калды:

- Ой жолдош генерал, тамашаңыз да кызык.. . Баарын өзүңүз билесиз да. Өзүңүздүн колдо да.

- Ии, ошентсең.. . -Генерал диванда өзүнүн жанында жаткан кейсти баш ийкей көрсөтө сурады, - муну жеткиргендин акысы кайда?

- Мына, - деди Шум ички чөнтөктөн бир пачка доллар алып сунуп, - муну кантип унутайын.

Генерал пачканы алып кабак бүркөгөндөй болду:

- Ушулбу?

- Дагы бар, - деп жиберди Шум шашкалактай, - кантип эле ушул эле болсун. -Дагы бир пачка сунулду. Генералдын колундагы эки пачка жыйырма миң доллар эле. -Ии, ушундай десең, болуптур эми, бара бер. Ашканадан нан ооз тийе кет.

Шум генералдыкынан көңүлсүз чыкты. Он миң эле бермек, бу айбан жыйырмага түшүрбөдүбү. Мейли да, булар болбосо мага эмненин акчасы.. . Колдон келсе бул энеңдурайындардын оозу-мурдуна тыгып туруш керек, деле соо тешик калтырбай тыга бериш керек. Ыраазы да болот, табакташ да болуп жоопкерчилиги да артат. Тирүү болсок бир тордо, өлүү болсок бир көрдө деген кеп да. Дагы бир-эки жылдай бу айбандарга корболумуш болуп турса, анан көрө жатар.. . Ушунтип демденет Шум.

Ошондон көп өтпөй бу шүмшүктүн кылган жана кылып жаткан ишин бүт кыргыз эмес казагы менен өзүбеги, тажик менен азербайжаны, америкалыгы менен орусу укту. Шумдук экен бу Шум. Кепкенедей экономикасы итий кебетесиндеги мамлекетте жашап элүү миллиондон ашык долларды жеп коюптур. Бул чыпчыргасы коробой бюджетке түшчү акча экен. Бул ишти ички иштер министрлиги менен коопсуздук кызматынын ээнбаш кызматкерлери ачык чуу чыгарып жиберип жатпайбы. Үлкөн чоңдор байкабай калыбатпайбы. Эми аны басууга болбой калды. Гезиттер менен телерадио Шумкар Байсалбаев деп какшай берип анын атын тили эми чыккан баладан кулжадай куркуйган чалга чейин жаттап бүтүштү. Эпадам Шумду чындап тергеп соттой турган болсо, миллиондогон долларлар салынган кейстер, жөнөкөй эле пакеттер кимдердин колуна тийгенин айтып салса, өлкөнүн анабашында тургандардын абийири төгүлмөк да, төгүлгөндө да иттей төгүлмөк. Тез арада чара көрүш керек эле. Үч-төрт чоң бир кечте Шумдун кебин талкууга алып мамлекеттик резиденциянын биринде алты сааттай отурушту. Баягы генерал да бар болчу.

- Муунуп өлсө, же Көлгө кетип баратып авария болсо эмне болот? - деди ошол генерал.

- Болбойт! - ушул жердегилердин баарына чоң окшойт, бири генералды кагып таштады. -Ал иш билинбей калбайт. Сен жеке өзүң муунтсаң же машинасын өзүң жеке айдап авария кылып берсең бир жөн. Аны башкалар аткарат. Демек, жабылуу аяктын ачылышы сөзсүз бар, уктуңбу?!

Генерал "уктум" дегендин ордуна:

- Кечиресиз, - дебатпайбы.

- Азырынча аны качыра тургула, - деп бу топтун чоңу бүтүм чыгарып салды.

***

Ушул сөздү айтыш үчүн алты саат отурганын карабайсыңбы. Жок, ал убакыт бошко кеткен жок, Шумдун жана ага окшогондордун далайынын ишин укту.

Генералга кимди кандай кылуу керектиги жөнүндө аткарбай койуга болбос көрсөтмөлөрдү берди.. .

Ошол күндүн эртеси эле бүтүндөй коомчулук - "Байсалбаев качып кетиптир" болуп чуу түшүп жатып калды. Ал шүмшүктүн бетин ачкан макалалар гезит беттеринде батпайт. "Кармап туруп, өпкөгө койуп кустурабыз" деп оңду-солду интервьюларды берип жаткан милийса, прокурорлор.. .

Шум Байсалбаев акыр-аягы бир балээге кабыларын, ошондо аны оңой эле атып таштаарын билген. Миллиондогон долларларды кимге качан бергенин саат, мүнөтүнө чейин жазып жүргөн өзү да он миллион долларды Европанын эки банкына тең бөлө салган, дагы эки миллион Москвадагы жана Алматыдагы банктарга бөлө салынган. Чуу чыгары менен генерал менен маектешкен Шум эми болору болду дегенчилик кылып, бар кайратын жыйып туруп ага буларды айткан: "Жолдош генерал, мен кичине эмесмин. Ошондуктан менин сөзүмдү жакшылап угуңуз. Мен кейс менен сизге туура он эки жолу келдим. Ошонун баары жазылуу. Шоопурум, анан мени кайтарган төрт жигитим күбө болуп кол коюп беришкен. Кейстен башка пачкалардын да эсеби бар. -Бул генералдын өзүнө берилген долларлар эле. - Дагы кейс менен пакеттер туура сегиз жолу резиденцияга кирди. Анын да эсеп-чоту, алган авторлору бар, баары катталып, күбөлөндүрүп коюлган. Демек, мени жок кылуу мага караганда сиздерге коркунучтуу. Эмне кылсаңыз ошо кылыңыз, мен сөзүмдү айтып бүттүм", - деген.

Генерал бу шумпайдын сөзүн кагып-сокпой кунт койо угуп андан кийин да тил тийгизген жок. "Бар, бара бер, эш-шек!", деп узаткан.. .

Эми Шум Москванын чок орто тушундагы жыйырма төрт кабат үйдүн он тогузунчу кабатында үч бөлмөлүү квартирада жашайт. Эч ким менен иши жок. Жанынан жарым карыш жылбай эки-экиден кезектеше кайтарчу төрт жигити бар. Аларга кошуна квартираны сатып берген, ал дагы үч бөлмөлүү. Төртөө кезектешип Кыргызстанга келип үйбүлөсү менен учурашып, Шум айткан адамдарга жолугуп сөз ташышат. Өзү жөнүндөгү кептерди, чыккан материалдарды алдырып окуйт. Убакыт өткөн сайын азыраак айтылып, унутулуп баратканына кубанат. Бул жердеги жашоосу баягы генералдын жана дагы биртоп полковниктердин контролунда. Шум бу жерде дагы бир аз жашап туруп төрт жигити да, генерал менен полковниктер да жер сыйпалап таппай калгандай бир алыскы өлкөнү көздөй жүрөт, көчүп барар жери, а турсун жашачу үйү да такталып жатат. Баягы эки банктагы он миллион доллар өзү гана билген башка банктарга жашыруун аттарга которулган. Бир өмүр эмес көп өмүргө жетчү акча.. .

Генерал далайды көргөн неме. Өмүр бойу милийсада иштеди. Далай мыкты иштерди да, былык иштерди да теңме-тең жасады. Аброй күттү бир топ. Өкмөт башчысынын жакын адамдарынын бири болду. Кимдин ким экенин бир эле караганда билчү генерал Шумкар Байсалбаевди алгач көргөндө эле анын оңой шүмшүк эмес экендигин байкап "өз ажалыңан өлчү түрүң жок" деп койгон ичинде. Ошол биринчи көргөндөн баштап эле кыртышы сүйгөн эмес.

Шумду Москвага жашырган күндөн эле аны кантип жайлатып саларды ойлоп жүрдү. "Тийбегиле" деп шектүү айтканда эле ичинен өзүнө өзү сөз берген Шумду өлтүрүүгө. Дагы бир аз убакыт өтсө ал изин жашырып кетиши мүмкүн. Генерал азыр ички иштер министрлигинде иштебесе да ал жактагы иштер менен таанышып турат, таасири тийип турат. "Мен сага өлүм апкелем" маселеси күчөп турган күндөрдүн биринде мыкты милийсалар эсебиндеги полковниктерди бүгүн чакыртты да, өтө жашырын делген тапшырмасын айтты. Ал тапшырма - Шумкар Байсалбаевди тындым кылып, анын өлүгү эч качан табылбагандай жоготуп келүү эле. Ал ишти кыркка эми чыккан полковник жалгыз аткармак.. .

Полковник гражданча кийингенде бир карапайым интеллигентке окшоп кетет. Бойу ортодон жогору, арыкчырай, акжумал неме. Өзүнүн кырк жашынан алда канча жаш көрүнөт.

Тапшырма алгандын эртеси чакан кара сумкасын асынып, башына спорттук топу, жылуу спорттук куртка кийип Москвага жөнөп кетти. Бир кылмышкерди издеп, командировкада жүрөт кагазы толтурулган. Керек десе орустун милийсасынан жардам суроого акысы бар.

Полковник Москванын арзан мейманканаларынын биринен орун алып бир суткадай эч жакка чыкпастан жатты да, анан Москванын четирек жактарын кыдырды. Кыдыргандын экинчи күнү издегенин тапты - от жакчу жай болчу издегени. Эки күндөн бери андайдан ончактыны тапса да ушул жолкусу өтө ылайыктуудай көрүндү. Эки кочегар тең эңгезердей ичкен орустар экен. Мындайларда арамдык жок болот, ак көңүл болот.

Полковник алар менен тез эле таанышты. Өзүн "Абакандан келгем, бир тууганым ушул жакка иштегени кетип кабар жок, сураштырса Москванын ушул аймагында квартирада туруп иштеп жүрөт экен деп дагы бир тааныш жердеши айтканын, инисин тапса эле кайра кетерин, өзү карагай даярдоочу фирмада менеджер экендигин" айтып дароо эле бир бөтөлкө аракты эки пийва жана балыгы менен коюп берип олбурлуу эки оруска аябак жакты. Биртопко сүйлөшүп эртең да келерин айтып кетти.

Полковник эртеси да келди бу жерге, бу жолу эки аракты баш кылып бир топ тамак-аш сала келген улам көмүр ыргытышып коюп ичип, сүйлөшүп төрт сааттай отуруп кетти. Эки орус бу ирет полковникти кучактай узатып, аябай жакшы көрүп калышкан экен. Жайында отпускага чыкса экөө тең Абаканга конокко барышмай болушту.. .

***

Полковник Москвага келгенден бир жумадай өткөндө гана Шумдун сотовыйына чалды:

- Алло, Майрамбек байкесизби?

- Ии.

- Мен Азамат дегенмин. Жылдызбек байке сизге аманат айттырды эле. Кай жерден кезигишсек.

- Үйгө келе бер.

- Мен катуу грипп болубатам. Эч кимге жугузбашым керек.

- Эч кимге жукпайт, келе бер.

- Жөнөдүм.

Шум дароо түшүндү генерал бу жигитти жашырып жибергенин, жана аны менен жолукканын эч ким көрбөшү керек, аны да түшүндү. Демек, өтө маанилүү кабар апкелген.

Шум квартирадагы эки жигитин чакырып "силер бүгүн бошсуңар" деп айтмакчы болгондо Шумдун телефону дагы шыңгырады. Эмелеги Азамат деген неме экен:

- Алло, Майрамбек байке, азыр эле Жылдызбек байке чалды, эртең саат кечки төрттө өзү кезигет экен сиз менен. Мен саат үч жарымда алып кетем. Туура үч жарымда сыртта туруңуз. Түшүндүңүзбү?

- Түшүндүм. - Шум телефонун диванга таштап ойго батты. Чакырган жигиттерин кайра бара бергиле деди. "Жылдызбек" - генералдын Шум үчүн коюлган аты. Ал эмнеге келди болду экен. Жакшы кабар мененби же жаманбы? Шумдун санаасы санга бөлүнөт. Бу генералдан жаналгычтай коркот. Өтө коркунучтуу, канкор экенин билет, далай иштерин уккан. Андан качууга да болбойт, сөзүн эки кыла албайсың. Бу кең Москвада да анын көзөмөлүндө болсо керек. Шум кандай шум болсо дагы бүтүндөй бир өлкөнүн милийсасы менен жашырын кызматы кыңк этпей баш ийген генералдан жүрөгү түшкөнү түшкөн. Дагы бир айча убакыт өтсө, түбөлүк кете турган жерине кетип бу генерал баш болгон желмогуздардан да түбөлүк кутулмак. Ага чейин генералдын ар бир сөзүн кыңк этпей аткарганы аткарган.

Эртеси Шум болжошкон убакытта сүйлөшкөн боюнча үйдөн өзү жалгыз чыгып бир-эки мүнөт тургандан кийин ага жанаша такси токтоп, терезесинен бир жигит үн салды:

- Майрамбек байке, келиңиз, отуруңуз. Жылдызбек байке жиберген менмин.

Шум таксиге отурду. Кыштын күнү эрте караңгы кирет эмеспи, үч жарым болсо да күн койу кеч болуп бараткан. Такси көчөдөн көчөгө өтүп кырк мүнөттөй жүрүп бир жерден экөөнү түшүрдү. Экөө бир-эки көчөө жөө басып, анан котельныйга киришти. Полковниктин жаңы эки дос кочегары экөөнү көрүп эпилдей тосуп алышты. Шумга барардан мурун полковник бул жерге келип экөөнү аябай сугарып кеткен. Кайра келем деген. Эки орус буттарына араң тургандай болгону менен көмүрдү олбурлуу ыргытып жатат.

Полковник Шумду бир бөлмөгө отургузуп коюп эки кочегарды дагы бир-эки жолудан стакан көтөрттү эле, ошондон он мүнөт өтпөй экөө тең бир бурчтагы тапчандын үстүнө кулашты. Аракка да тоюшкан, эс-учунан ажыратчу дарыдан пийва менен аябай ичишкен.

- Качан келет? - деди Шум сырттан кирген полковникке:

Полковник саатын карады:

- Он мүнөт калды. -Анан үстөлдөгү арактан эки стаканга куюп бирин Шумга сунду. -Алыңыз.

Шум тартты, полковник да. Шум столдогу бадыраңдан алып бир тиштеп кайра койду. Полковник ага катарлаша отуруп баратып мойундун оң жак күрөө тамырына колдун кыры менен шилтеп калды эле, тиги шылк этти. Ошол замат анын мойнуна бир байлам аркан сымал жип чалынып муунта тартылды. Аз өтпөй элүү миллион долларды оңой эле апэткен акула сындуу неме жансыз денеге айланды, эми ал өлүк болчу. Полковник аны ийинге сала көтөрүп барып дүркүрөп күйүп жаткан килейген мешке салып, темир менен нары түрттү. Эки-үч мүнөттөн кийин өлүктүн изи да калбады, үстүнө көмүр ыргытылды..

Полковник бөлмөгө кайра келип стакандар менен бөтөлкөнү отко ыргытты да, котельныйдан чыгып көчөдөн көчөгө өттү.

Жана Шум полковник "Азамат" менен жолугушам деп кеткенден кийин бир жаш бала Шумдун бир жигитине алакандай барак карматып чуркап кеткен. Жигит диванга отуруп окуса: "Мен сага өлүм апкелдим" деген жазуу бар экен. Бу жигит шериги экөө сыртка чуркап кагаз апкелген баланы да, Шумду да таппай калышты. Кийин булар Бишкекке кетип бу жерден милийсанын сурагына кабылганда ошол кагаз жөнүндө айтышкан.. .

Генерал болсо Шумдун өлүмүн "өлүм апкелем" деген бандиттерге шылтап салып аны бийлик кылды дегенди айттырбай, эми анын он миллион долларын кантип алуу жөнүндө баш катырып жүргөн убагы, баягы полковник экөө.. .

***

Ошентип Сатар талкаланган үйүн, кебетеси келишкен Асясын көрүп, "өлүм апкелгендер" көзүнө көрүнүп - баары кошул-ташыл болуп катуу жыгылды. Догдурга жатты далайга. Ася болсо Бишкектин эң чоң базарына көп байралып жүрүп кескиленген долларын баштыгы менен көтөрүп аккөңүлү кармаса көрүнгөнгө берип, кереги жок десе урушуп, жин оорусу күчөп анан кышкы суук күндөрдүн биринде дал ошол базардын четиндеги каналда тоңуп өлдү. Сөөгү моргдо биртопко жаткандан кийин ээси жок өлүк катары эптеп көөмп ташталды.. .

Сатар кийин укту аны. Убагында укса деле колу менен көммөк эмес, үй толо дүнүйөдөн, толгон жылкыдан айрылткан ушул, анан да көрсөтпөй он миңдеген долларды катып жүргөнүн карабайсыңбы! Жок Сатар бу аялын көммөк эмес!

Сатар ооруканада көпкө жатып, баскан жолун көп ойлоду. Ошол жолунда уялчу кылыктары бар экенин алгачкы жолу эсине алды. Мурун ал жөнүндө ойлоп көргөн эмес. Айбандык менен адамдыктын, арамдык менен адалдыктын, айкөлдүк менен наадандыктын, боорукердик менен ташбоордуктун ажырымын тактап-талдоого аракет кылгандай болду. Өзүнөн өзү минтпейт эле, өзү менен бир палатада жаткан бир ажы адам бар экен жалаң эле улуу сөздөн, ыймандан сүйлөгөн ошонун сөздөрү түрткү берди көрүнөт. Өзү чөөдөй жутунган, адамга жылдызы да жок неме болгону менен кеп сөздөрү мыкты экен да! Угуп эле тургуң келет. Дилиңди дароо тазалап салгандай кылат экен анын сөздөрү. Тамагын катып жегени, жаш токолу келгенде уу тили пайда болуп аны каарыганы, майдачылдыгы көргөн адамды жийирткени менен кооз сөздөрү цыгандардын картасындай экен, койонду тарткан удавдай экен, эритип таштайт экен эритип.. . Сатарды да эритти.

Догдурдан чыккандан бир ай өтпөй Сатар ажылыкка аттанды топкыргыз менен.

Сатар ажылыкка жөнөгөнчө бар байлыгын долларга айлантып Батыштын бир банкына которгон. Өзү ойлогондор ишке ашса, экинчи бул жакка, киндик кан тамган мекенине кайрылып келбейт. Ажылыктан тазаланат да башка турмушту баштайт.. . Сатардын бир тилеги дароо эле орундалды, баргандан үч күн өтпөй мейманкананын 7-кабаттагы балконунда турат эле, төмөн карай берип башы айланды, бир убакта жерге учуп, былч эле дей түштү. Тилеги кабыл, түбөлүк туулган жерине кайткыс болду. Аны ошол жерге көмүштү, түптүз бейишке чыгат экен, да бир өмүр бүттү ошентип.. .

***

Мырзабектин өмүрү өтүп жатат. Кез-кези менен кайындарына барып балдары менен үч-төрт күндөй болот. Өз эне-атасына учурашып, бир-эки күн конот. Ал жактарга барганда эч жакка чыкпайт, эч ким менен сүйлөшпөйт. Анын баары Болоттун да, министрликтин да көзөмөлүндө. "Өлүм апкелгендер" Москвага чейин жетип элдин номер биринчи жегичин өлтүрүп кеткенден кийин алар өтө чоң даярдыгы бар күчтүү кылмыш тобу же милийсанын же коопсуздук кызматынын жигиттери деген ойду Болот да ойлоп жүрдү. Бара-бара Мырзабек шек алдырчу ролун аткара албай калды, андан шек албай калышты.

Эне-атасы ушул уулу аял алып оокатын кылса жакшы болбойт беле дегенди күнү-түнү ойлогону менен а жөнүндө уулуна бирооз сөз айтыша элек. Мырзабек да үндөбөйт. Анын аял алайын деген ойу жок эле азырынча. Турмуш дегениң кеңешип отурмакпы, бир күнү өз билгенин жасайт эмеспи. Жыл кетти. Аялынын өлүмүнө өзүн күнөөлүү сезип жүрөгү мыкчылганы кала элек. Аны өлүмгө түрткөндөрдүн сөөгү небак чириген дечи, бирок башкы айбан Болот дале тирүү жүрөт. Жок, аны дароо өлтүрбөйт, андай жыргалды апкелалбайт ал жексурга, азапты тарттырып, боздотуп, сыздатып туруп, анан гана жанын алат. Мырзабек небак эле ушундай чечимге келген, Самат да билет ал жөнүндө.. .

Болот Бишкекке иш менен көп келет. Бирок ушул жердеги эң жакшы көргөн көңүлдөшүнүн өзү алып берген үйүнө келбегенине көп болду. Ал бул ирет Бишкекке он-онбеш күнгө келди. Отпускага чыккан. Кыштын кыраан чилдесинде беришпедиби анысын да.. .

Ушул көңүлдөшүнө кезиккенде Болот баарын унутат, анын сөздөрү, эркелегени менен эркелеткени, жасаган тамагы баары.. . баары жыргал болуп кетет. Кийин пенсияга чыкса мунусун алып бери дегенде Москвага же андан ары кетип жашашат. Ошонун камын көрүп каражат топтоп жүрбөйбү. Мына, бир жума мурун эле жыйырма миң доллар колго тийди. Бир чириген бай бизнесмендин көпкөн баласы бир кызды зордуктап, анысы аз келгенсип кадимки эле кой мууздагандай мууздап салыптыр. Анын атасы уулу камалары менен эле Болотко келип жардам сурады. Экөө мурун чала тааныш эле. Эми жакындашып турушту. Тиги каничкичтин атасы уулунун эркиндигине он миң доллар сунуштады эле, "Баланын өлүмү үчүн оң миң өтө аз, кеминде жыйырма миң" деди Болот, - "уулуңуз атууга кетпесе да, 18-20 жыл кесилет, ал жактан тирүү кайтмай жок". Үч кыздан кийин көргөн жалгыз уулу экен да атанын. Болоттун баасына көнүп турду. Жалгыз эркек кымбат болот тура. Бул иш тергелип, кыз паркта белгисиз бандиттердин колунан мууздалган болуп чыкты. Бизнесмендин баласында "күнөө жок" экен. Кыздын аттуу-баштуу, колунда бар туугандары жок экен. Жалгыз агасы гана мен баары бир тигини соттотом же өз колум менен өлтүрөм деген сөзү менен калган. Бизнесмендин баласы кайсы бир чет өлкөгө окууга жиберилди дейт. Ушундай абийирсиз иши үчүн Болот жыйырма миң доллар алды. Керек болсо кийин да алса болот.. . Иликтөөдө жаңы фактылар чыкты, күбөлөр көрсөтмөсүн өзгөрттү дегендерди сууруп чыгып тиги айбан баланы алекизаматта камап койсо болот. Милийсаңдын укуругу каалагандай узара берет эмеспи.. .

***

Мырзабек бу министр жөнүндө көп укчу. Жакшы сөзүнө караганда жаман сөзү аябагандай көп эле. Элдин элеги ошондой кылган. Бу падышага өтө жакын министр өлкөбүздүн тээ эң эле буйткалуу алыс жеринен Бишкекке окууга келип, мээсинин күчтүүлүгүнөн эмес, карандай эмгегинин күчтүүлүгүнөн чоң окуу бүтүп, андан соң Академияга ишке өтөт. Тагдырын кара, ошо кезде ушу падыша да ал жакта иштечү да. Бу тоодон тоң бойдон түшүп эми-эми гана тамакты вилка менен сайып жегенди, бутундагы байпагын бир айда эмес, күн аттата жууганды үйрөнө баштаган неме кудайургандай элпек болчу. Антпеске чарасы жок эле да, ким эмне айтса дароо аткарууга даяр кези болчу. Дал ушундай абалда келечектеги падышага аябай жагып алды. Өп-чөп жашаса да өзүнө жетекчи болуп турган келечектеги падышаны туулуп-өскөн айылына мейманга чакырып, бир жума бою аябай сыйын көрсөттү. Эшегине мингизип ажайып кооз жерлерди көрсөттү, оозунан тамак өксүтпөй көзүнүн кареги менен тең айланды, жок, алдыраак айланды. Келечектеги падыша аккөңүл жан болчу, бул каратоголок аспиранты Сүйүнтбек Апталиев аябай жакшы, түбөлүк кайткыс жакты көрүнөт. Анткени ал колунда бийлиги бар өзүнө пайдасы тийчү адамды эч качан сатып кетпечү, анан да чоңунун кандай гана тапшырмасы болбосун суроо салбай, эмнеге дебей сокур сезим менен гана аткара турган неме экенин келечек падыша айныгыс сезди.. .

Ай өттү, жыл өттү. Баягы аспирантынын эшегин "аргымак" кылып минген окумуштуу падышалыкка отурду, түшпөс болуп. Ал эми эшегин туура тартып, аттандырып-түшүргөн аспирант падышанын көңүлүндө жүрөт. Мен деген кызматтан бери дегенде бешти иштеди, иштеп келет. Түркүгү күчтүү болсо иштей берет тура, дээри менен деңгээли жетеби, жокпу. Сүйүнтбек байлыкты дурус чогултту. Байлыгың батпай турса махабат издетет эркекти. Сүйүнтбекти да издетти. Тапты. Махабаты ырчы кызга такалып токтоду. Кызмат менен байлык махабат майданында да тоскоолдук көрбөйт. Ошондой болду. Күлгүнжаш күйөөсү, андан балдары бар бу ырчы келин секелектик кылдыбы, акча менен кызматтын азгырык-кысымыбы, айтор, Сүйүнтбекке аял болуп берип тынды.

Бу министр жөнүндө уккан сайын Мырзабектин жини аябай келчү. Бир күнү Самат менен кеңешип, "өлүм апкелем" кагазын дал ушу Сүйүнтбекке карматмай болду.. . Чын эле өлүмдү апкелүү жөнүндө Мырзабек биротоло чечкен эмес. Ошондой кагазды Сүйүнтбекке тезинен, ооба, өтө тезинен карматууну көздөдү.

Ошол жөнүндө чечим кабыл алынгандын эртеси Сүйүнтбек "Мен сага өлүм апкелем" деген коркунучтуу эскертүүсү бар аппак кагазды окуп анын коркунучун көп элес албай турду. Анткени, ал жөнүндө бир ирет өкмөттүн чогулушунда уккан, бирок ага көңүл токтотуп маани берген эмес, болбогон кеп деген. Бул сөздүн мааниси жөнүндө жаш аялы жакшы угуп жүргөн экен, күйөөсүнөн угар менен өң-алакеттен кетти. Уккандарын калтырбай айтты. Сүйүнтбек бул эскертүү оюнчук эмес экенине ишенип-ишенбей ички иштер министри менен телефондон сүйлөшүп, ошондон кийин гана бул накта коркунуч экенин, болгондо да дайым ишке аша келген эскертүү экенин толгон мисалдар менен укту. Эми жүрөгү катуулай согуп, эки жакты элеңдей караганга өттү, үйдөн да, сырттан да.

Падышанын сүймөнчүгү коркунучтуу эскертүү алгандан кийин ички иштер министри Сүйүнтбекти эки катар кайтарууга алууга буйрук берди. Биринчиси, анын мурунку жансакчыларына милийсадан дагы бирөө кошулду. Экинчиси, дагы беш-алты кызматкер Сүйүнтбекке билинбей аны акмалайт кезектешип. Кол салчу немени дал ушулар колго түшүрөт. Жок эле дегенде кол салууну үзгүлтүккө учуратат.

Сүйүнтбекти сыртынан кайтаргандарды министр өзү жеке тандады. Министрликтеги эң мыкты дегендеринен тандалды.

Коркунучтуу кабар жазылган кагаздын маанисин милийса министри жакшылап түшүндүргөндөн кийин Сүйүнтбек ошол кагаздан алып жарык дүйнө менен коштошкондордун бардыгы жөнүндө укту, кайра-кайра укту, ушул иш менен алпурушуп келаткан бир чыгаан оперден. Күн өткөн сайын жүрөгү түшкөнү күчөдү. Бөтөнчө гезиттен же телевизордон баланча дегенди сайып кетиптир, атып кетиптир дегенди көргөндө жаны өзүнүкү эмес. Мына-мына далыга бычак же ок жечүдөй элеңдейт.. . Мурун китептерден окуган, кинолордон көргөн киллерлердин окуялары көз алдыга чубалат. Өзүн өлүм тооруп турганын падышасына кантип угузду.. . Ал укса сонун болбойт беле. Милийсасы менен коопсуздук кызматынын шефтеринин жүрөгүнүн сары суусун алып "өлүм апкелгендерди" тез кармагыла дейт эле да.

Кечинде өтө турган ар кыл банкеттерге, кечелерге барбай турган болду. Өтө официалдуу болсо, айла жок барат, бирок санаасы башынан ашып, ойу бир гана жерде турат - өлүмдө, элесинде тапанча сундурган киллер. Аялын алып бир алыс-алыс чет элге кетип тынсачы. Жок, ал жактан деле табат. Эң туурасы - "өлүм апкелем" дегендерди кандай болгон күндө да таптыруу керек..

Мырзабек менен Самат падышанын сүймөнчүк министрине "Өлүм апкелемди" эскертип койушуп, андан ары эч кандай аракет кылышкан жок. Эмне болсо ошол болсун тийбейбиз деп чечишти.

Сүйүнтбекке коркунучтуу эскертүү түшкөнүн анын өз оозунан уккан өкмөт башчысы ачуусун катуу келтирип ошол эле күнү коопсуздук кызматынын жетекчиси менен ички иштер министрин чакырып тапшырманы катуу берди, кандай кылба, өл-тал ал бандиттерди кармагыла, тапкыла, болбосо президентке өзүм сунуштап туруп кызматыңардан кол жуудурам, а турсун жоопкерчилик тарттырам дегенди басым менен кайра-кайра айтты.. .

Эми эки тарап тең ишке катуу киришип турду.. .

***

Сүйүнтбектин тоо арасындагы айылында жашаган туугандары эл катары жашап келет. Кыйналган күндөрү алардын кээ бири Бишкекке чейин Сүйүнтбекти издеп келип жардам алып, болбосо бир ишин бүтүрүп кетет, анын жардамы менен. Кийин Сүйүнтбек мындай иштерден аябай жадады. Эми алардан кадимкидей качат, айылдаштары да анын жадаганын билип аздан келишет.. .

Сүйүнтбек менен анча жакын эмес бир инилери боло турган. Он сегизге чыгып-чыкпай үйлөнүп, келинчеги экөөнө берилген "алдыңды бала бассын, артыңды мал бассын" деген тилектин бала басканы дурус ишке ашып, келинчеги жылда бирден төрөбатып отузга чыгалек неме он балалуу болуп, артын мал баспай карандай түйшүк басып оокаты өтпөй бала-чакасы кийимге гана эмес, кара нанга жетпей турган абалга жетти. Мурда бул айылда аз иччү, төрт-беш жылдан бери эрди-катын эриш аркак ичип калган, улуу-кичүү бөлүнбөй ичип калган. Ичемди издемей жок. Ушул чакан айылда манталаңдаган төрт келин бар, облборбордон спирт ташыйт. Анысы арзан. Карызга каалашыңча берет. Кошуп иччү суу белен. Ана эмесе, каалашынча ичет. Жанагы Сүйүнтбектин мындайраак иниси, аты Жолду, жакшы ичип кетти. Чакыртып ичкенден аңдып ичкен деңгээлге бат эле жетти.. .

Бир күнү Жолду чогуу жүрчү Матен деген досу менен айыл өкмөтүнүн алдынан өтүп баратат эле, анын башчысы ошол жерде турган экен бир-экөө менен, чакырып калды:

- Эй, Жолду бери бас.

Жолду өзү кичипейил элпек болгону менен ичине бирдеме барганда кыялы чатагына айланып кежир болуп кетмейи бар эле:

- Эмне?! - деп басар-басмаксан болуп араң келди.

- Эй, кыспуруш, ушу сен ичкенди качан токтотосуң ыя?! - деди айыл өкмөтү акыл айткан болуп, - жериңди айдат дебедим беле?!

Жолдунун ичинде биртоп болчу, беркинин айтканы жинине катуу тийип турду, оройлонду:

- Эмне трактирим жок болсо катыным менен айдайт белем, же акчадан жок, же майдан жок болсо мага кайсы тракторис айдап берет.

- Ичкенге тапкан, айдатканга деле таппайсыңбы?! - деп айылөкмөт жекирейин деди эле, тиги анын сөзүн бүтүрткөн жок:

- Сен таап бер, сен айыл өкмөтүсүңбү, тапканга милдеттүүсүң, - деп өзүнөн он жаштай улуу немени селейте айтып таштады. Дагы улады күйгүлтүк сөзүн: -Сүйүнтбек байкеме айтсам ишиңден кол жууп жүрбө!

- Сенин Сүйүнтбегиңде бекен кызматтын баары, - деди жини кайнаган айылөкмөт, -экөөңдү тең урганым жок. Эмне, Сүйүнтбектен башканын баары талаада калыппы. -Эми айылөкмөт өтө катуу айтып алды. Ачуусу менен оңбогондой кеп айтып алганын сезди. Анткени бу айылөкмөт укмуштуудай коркок, ошонун айынан кошоматчы неме эле. Далай малын чачып жатып ушул ишке орношкон. Падыша менен өтө жакын министр жердешине катуу сөз айтып алганына өкүнүп турду эле Жолду аны билип тургансып айтып турду:

- Сүйүнтбек акем келсин, анан эмне күндү көрөр экенсиң!

***

Эми айылөкмөт үн катпай калды. Жолдуну утурлай тосуп мындай жетеледи:

- Ай үкөм, сен эмне тамашаны түшүнбөй калгансыңбы, ыя? Билсең сен экөөбүз Сүкөм экөөбүз аркылуу ага-ини болуп кетебиз. Дегеним Сүкөм менин сыйлаган адамым. Бир сырдуу, бир кырдуу теңтуштардан да болуп кетебиз. - Муну калп айтты. Экөө эч качан теңтуш болгон эмес. Бу неме ал министрге жакындай албай жүрбөйбү.

- Сүйүн акем менен кабарлашып калсаңыз, айтып коюңузчу жерлерин иштете албай атыптыр деп.

- Айтам, - деди айылөкмөт, -жакында барып келем Сүкөмө. -Байкоостон ушинтип калп айтып салды. Барам деген ойду мына эми ойлоп жатпайбы.

Чын эле эки күндөн кийин айылөкмөт айылдаштарынын биртоп арыз-армандарын, өтүнүчтөрүн акчасына кошуп алып, өзүнөн да арбын акча чыгарып жөнөп калды. Анткени, райондун акими бир ирет тилдеп кеткен: "Сени эл шайлаганы менен мына мен түшүртөм" деп. Түшүртсө түшүртүп салат. Бул башка жактан келген аким бизди аябай кемсинтип жатат, министриңерге таянбагыла деп айткан деп жалааны жакшы жапмай болду айылөкмөт. Анан Сүйүнтбекке аны айттып, даярдап койгон бир тутам акчаны берсе достошуп кайтпайбы.

Айылөкмөт бир сутка дегенде Бишкекке жетип эртеси Сүйүнтбек иштеген министрликке барса эшик тоскондор киргизбей койушту, анын үстүнө Сүйүнтбек иште жок эле. Бу эпеңдей шектүү баскан немени министрликтин коопсуздук кызматында кызмат кылган бир жигит көрүп шек ала түштү. Эпеңдеп эки жагын каранат, кез-кези менен төшүн баса ички чөнтөктөгү бир нерсесин барбы дегендей текшере калат. Көчөнүн наркы тарабындагы калың бакты бойлой кеткен тротуарда наркы-терки басат, бак ичине кирип чөпкө көчүк басып кайра турат. Жанагы коопсуздук кызматынын жигити имараттын ичинде туруп тигинден көз албайт. Уламдан улам шектүү болуп баратат. Министрге кол салуу даярдалып жатканын угуп катуу көзөмөл жүргүзүш керек дегенди күн аттап угуп жаткан бу жаш жигит эрдик көрсөтүүнүн алдында турду. Бу министрди "аңдып" жаткан немени тапанчасы менен колго түшүрүп бир көзгө көрүнсө, экинчиден колунда оңбогондой дүнүйөсү бар министр бери дегенде бир машине мингизиши да ажеп эмес. Ошого даяр болуп бул жаш жигит өзүн Жеймс Бонддон кем көрбөй, улам-улам сол капталындагы тапанчасын акырын кармалап койот. Тигине тиги айылдан келген адамга окшомуш болууга аракет кылган киллер көкчөптөгү ордунан туруп төшүн басып анданы тапанчасын кармалап көзүн бу жактан албай наркы-терки басымыш этет. Министр келип машинеден түшөрү менен жетип келип басып-басып алып шуу койот. Тигине "киллер" наржакта токтоп турган машинага барып рулда отурган адамга эңкейе берип бир нерсе айтты да артка басты. Айылөкмөт саат сураган эле. Ошол машина менен качат болуш керек. "Качырбайм!" деди жаш Жеймс Бонд. Костюм ичинде капталдагы тапанчаны кабынан сууруп предохранителинен чыгарып, киндик тушка кыстарып топчулай сыртка чыкты. Дал ошол малда министрдин көз уялткан иномаркасы келип токтоп министр да, алдыда отурган жансакчысы да жерге түшүп жатканда айылөкмөт аны көздөй чуркады. Азыр кармап калбаса киргизбей койушат деген неме чуркай беркип ички чөнтөктөгү бир байлам акчага колун салыбатпайбы. Түшпөсүн дедиби, ким билди. Жанагы министрди коргоп атак менен машина алмак неме ычкыркашаттагы тапанчасын сууруп алып чуркап келаткан айылөкмөттү мээлей басып-басып алды. Ок тийген неме оңкодон сайылса, министр менен анын жансакчысы экөө тең жерге жата калышты.. .

Бул окуя жөнүндө Мырзабек менен Самат көптөн кийин угушту. Ал өзүнчө сөз.. .

***

Оо де, бу төртөө ошол жылы аябагандай көпкөн эмеспи. Кыргызыңды да, орусуң менен казагыңды өзбегине кошуп адам катары санашпай турушту. Эки жыл чамасында Бишкекте өз үйүндө жүргөндөй жойлоп, далай өмүрдү кыйып жиберишти. Жергиликтүү ортозаар бандиттер он жылда тапчу кирешени булар эки жылга жетип-жетпей табышты. Булар чечендер болчу. Көп жыл бойу Чеченстанда орустун аскерлери менен согушуп, ал согуштан небак тажап бүтүп бу кайдан жоош өлкө эсептелген кыргыз мамлекетине жашырын жер оодарып келишкен. Бул жакта төрт бандиттин экөөнүн алыс туугандарынан бар болчу, аларча айтканда тейпалаштарынан. Төртөө келгенден бир жума өтпөй эле майда-баратка коротор акча керек деп орустар андайды "на маленькие расходы" деп коюшат, бир бизнесмендин офисине таламандын так түшүндө барып анын эки жансакчысын ошол эле жерден торойто чаап, өзүн да чалөлүк кыла тепкилеп сейфиндеги беш жарым миң долларын, жыйырма беш миң сомун алып баса беришти. Төртөөнүн минген машинеси да жок болчу. Жөө келип жөө кетишти. Кеткенде да желип-жортуп чуркабай эле шашпай басып кетишти.

***

Бу төрт чечен аябай кутурду. Шаардагы майда-барат топторду чымын катары көрбөй бир-эки топтун лидерлерин жок кылып жиберишти. Булар маскасы жок эле таламандын тал түшүндө барып талап-тоноп кете беришчү. Бишкектин үч жеринен айына жүз доллардан төлөп эки бөлмөлүү квартираларда турушат. Ошол үч квартиранын каалаган жерине конуп-түнөйт. Төртөө тең бойдок, каалаган убакта көңүл аччу кыздар даяр, көбү сойкулар. Бу төрт айбан кыргыздын нечен бир сонун кыздарын кор кылып ташташпадыбы. Алардан запкы жегендердин бири да милийсага арызданып барбады.

Бир ирет төрт чечендин экөө бир кафеде шашпай тамак ичип, анан пиво ууртап олтурат эле, аларга жанаша бош столго бир жигит менен кыз келип олтуруп тамакка заказ беришти. Эки чечендин улуурагы жаңы эле олтурган кызды теше тиктей калып ага болгон кумары ашып-ташып кеткендей болду. Бу көпкөн неме "ал бирөөнүн сүйгөнү экен, жаш экен, бактысына балта чаппайын" деген ойдон кайдан ойломок. Бу азыр отузга чыгып калган неме он сегиз жашынан колуна курал алып орус менен согушкан, далай солдаттын каны мойнунда. Эми бу жерге келип кыргыздын канына кана турган ойу бар, ал иш башталган эмеспи. Бу Ваха деген чеченде айоо деген да, уялуу, тартынуу деген да сезимдери жок эле. Өлүм дал маңдайынан чыкканда гана кайра тартпаса беттегенин бербегендерден эле. Ваха шериктери менен Бишкектеги же ага жакын башка жердегиби аялзатты бир көрүп жактырып калдыбы, ал ким экенине карабай зордуктап тынчу.. . Бүтүндөй "жалпыүйдү" жайлап койо таштады бу төрт чечен.. .

Ошентип Ваха сурун сугунуп жиберчүдөй сулуу кыздан көңүл албайт. Аны байкаган жанындагы жигит айтты:

- Жактыбы?

- Ананчы.

- Азыр элеби?

- Койо тур. Тамактарын шашпай ичишсин. Эмкисин качан ичерин ким билет.. .

Ушундай көпкүлөңкү сөз. Ваханын жигитинин айтканын кара - "азыр элеби" дегени азыр эле сүйрөп алып кетелиби дегени кыздын жанындагы жигит да, кафеде отурган жыйырмадан ашуун аял-эркек буларга кеп эмес. Аны кой, кафенин босого тарабында эки милийса тамактанып жатат, аларды тоотуп койбойт.

Жарым саатча убакыт өттү. Кыз-жигит шашпай тамактанып чайдан ичишти. Анан экөө орундарынан туруп жетелеше сыртка чыкты. Эки чечен алардын артында. Кыз-жигит кафеге жанаша жайгашкан паркты көздөй шашпай басты да, бир топ тереңдеп барышып ээнирээк өңдөнгөн орундукка отурушту. А тегеректе эч ким көрүнбөйт.

Эки чечен кыз-жигиттин эки тарабына аларды кыса олтурушту.

Жаш жигит булардын кылыгына чыдабай кетти:

- Бу эмне кылганыңыздар?!

Ваханын жигити жооп айтпастан үлбүрөгөн кыргызды жакадан алып өзүнө күч менен тарта тушмукка сүзүп калды. Тумшукка баш менен жеген жигит ошол эле жерден шылк этти, эси ооду. Ваха болсо муш жебей эле эси оогон кызды капшыра-качырата кучактап бакты аралай басты. Кыз чаңырды. Ваха кызды жерге жыгып алып кыз экенине, назиктигине карабай беттен ары бирди берди эле, кыз тынчыды. Айбан ишин жасады.. .

Кыздын жигити эсине келип ордунан атып турмакчы болду эле Ваханын шериги аны бир эле шилтеп тынчытып бычагы менен ичке бышты. Жигит тынчыды. Чечендер кетти шашпай, кыз далайда эсине келип кан суудай агып сулк жаткан жигитин көрүп ачуу чаңырды.

Бу төрт чечен мындай иштердин далайын жасап куралдуу кол салуулары андан көп болуп, чээнден аябай чыкканда гана биздин милийса ишке киришти. Аларды кармап кылмыш тарыхынын толгон эпизоддорун мойунга койуп сотко ашырышты эле, абийирден акчаны жогору койуп небак көнүп бүткөн сот күнөөсүн күч менен мойунга алдырыптыр деп алты жылдан араң кести. Бери дегенде өлүм жазасын бериш керек эле.

Бул бүт кыргыздын канын кайнаткан ишти Мырзабек менен Самат да уккан. Анда экөө тең милийсада иштечү да. Ал төрт чечендин айбандыгы жөнүндө жергиликтүү кримдүйнөнүн лидери да угуп, кыргыздык намысы козголуп, төртөөнү тең өлүм жазасына буйурган. Бирок алар үлгүрбөй калышкан, милийсанын колуна түшүп кутулду да чечендер.

***

Эми ошол төрт чечен алты жылдык мөөнөтүн эки жылдан бир аз ашыра өтөп бошоп чыгыбатпайбы. Ага себеп ортодо өлчөөсүз акча ойноп кетти.

Бул төрт чечен кадимкидей эле ээнбаш иштерин жасаганга өттү. Бул тууралуу милийса да, кримдүйнө да кабардар эле. Бул төрт чеченди кор кылбайбыз деп бу жерде түптөнүп калган чечендердин кримтоптору да аларды колдомой болду. Алардын түбүнө жетебиз деп сөз бергенбиз деп кыргыздын кримкыраандары аракетин баштады, милийсасы да жөн жаткан жок.

Төрт чечен түрмөдөн чыккандан үч күн өткөндө алар соттолгондо коркпой күбөгө өткөн бир кафенин ээси отуздан эми өткөн кыргыз жигит дал өзүнүн кафесиндеги чакан бөлмө-кабинетинде мууздалды. Ошол күндүн эртеси дагы бир күбө - май куйуучу жайдын ээси элүүлөргө чыгып неберелүү болуп өзүн бактылуумун деп сезе жашап жүргөн киши ошол май куйуучу жайдын жанынан ок жеди дал башка. Бул окуя элдин баары түштөнүп жаткан маалда болду. Эки өлүм окуясында тең кенедей илинчек калган жок дасыккан оперлерге, бул эки өлүмдү чечендер өтө дыкат пландаштырып жасашты.

Ошондон эки күн өткөндө Мырзабек аз жерден ошол чечендердин колунан өлбөй калды. Дүйнөнүн тардыгын кара - мурун тээ алыс жерде өзү таптакыр көрбөчүдөй болгон ал шүмшүктөр бетмебет келгенин.

Мырзабек башында турган жайга не бир түркүн адамдар машина койот: аялы бар, эркеги бар, жакшысы бар сылыксыпаа, айбаны бар кепке келбей керейген. Үч-төрт күндөн бери кавказдыктар кочкул жашып түстөгү "Ауди" машинасын койушат. Жапжаңы, азыр эле заводдун дарбазасынан айдап чыккандан көзтайгылта жалтылдайт. Бир күнү эртең менен ошол "Аудини" койуп жүргөндөрдүн бири Мырзабектин түн күзөткөн жигиттеринин бирин чакырып:

- Эй сука, момуну ким жасады, - деп машинасынын алдыңкы эшик тарабын көрсөтүп жакындай келген жигитти табарсык талаштыра бир тепти. Тиги бир бакырып алып бут таамай тийген жерин мыкчый бүк түштү. Мырзабек наркы-терки басып турат эле, жигитине чуркай жетип өйдө тургуза калды. Тиги кавказың көрсө чечен экен, болгондо да Ваханын оң колу жигити экен накта баш кесер.

Мырзабек ага:

- Эй бу эмне кылганың ыя?! - деп эмне деп тилдээрдин ыгып таппай буйдала калды эле тиги:

- Ии, сага да керекпи, сука?! - деп Мырзабекти качырып тепмекчи болду эле. Андайдын неченинен оңой эле буйтап кетүүгө жарамдуу Мырзабек буйтай берип:

- Эй, койо турчу, эмне болду? - деп муш менен же бут менен жооп кайтарбады.

Чечен Мырзабекти берки жигитти тепкендей тебе албай калганына ашып-ташып:

- Эмне болду дейт, энеңдин көтү болду! - деп эми бир ирет качырды.

Ана эмесе, эр болсоң Мырзабекти токтотуп, шилтенген буту асмандан берип дал чечендин ээгинен токтоду. Кадимкидей "карс" деген үн чыгып чечениң оңкосунан сайылды. Ачууга алдырган Мырзабек эми бир тепти, бу жолу жерге тийген башынын жаагы талкаланып кетти.

Ошол жерде машинасына келгендердин ончактысы чогула калды, тегеректе жүргөндөр да чогулду. Ошондо олбурлуу бир жаш жигит Мырзабекти мындай чакырып акырын сурады:

- Тигини кимиңер торойттуңар?

- Мен, - деди Мырзабек камырабай.

- Эмнеге?

- Жөндөнжөн эле биздин бир кароолчу жигитти табарсыкка тээп салыбатпайбы.

- Туура кылгансыз, - деди тиги жигит ыраазы боло, -бирок эми аябай сак болуңуз. Жок дегенде бир-эки күн болуңуз.

- Эмнеге?

- Ал көп сөз. Бул Ваха деген бандит чечендин оң колу болот. Сизди тирүү койбойт, сак болбосоңуз.

Ошону менен Мырзабек тереңдеп сурабады, тиги жигит да сөз улабады, кете берди…

***

Жаагы талкаланган жигит биртопто эсине келип теңселе басып машинасын ачты да ичинен тапанча алып чыгып кароол үйдүн жанында турган Мырзабектерди көздөй басты:

- Суки, баарыңды кырам, баран кыргыздар, баарыңарды кырабыз!

Жанкечти неме экен топту мээлей бир-эки ирет атып да алды. Дал ошол учурда кайдан-жайдан пайда болду көзгө илинбей калды, жанагы Мырзабекке эскерткен олбурлуу жигит чечендин артынан жетип колго чапты. Жыгылган немени бети-башын ажыратпай тээп-тээп алып нараакка ыргыган тапанчаны алып ок салгычын чыгарып алып тапанчаны кайра таштады. Анан жаткан немени эми бир кабелтең тээп ылдамдай басып кете берди. Наркы көчөдө турган боз түстөгү "Жигулиге" түшүп кеткенин көрдү Мырзабек.

Ким чалганы белгисиз аз өтпөй милийсадан опер топ келип бир саат чамасында окуя болгон жерди көрүп, күбөлөрдү сурап, алар чакырткан "тез жардамга" көргүлүктү көргөн чеченди бир милийсаны кошо салып жөнөтүп кете беришти.. .

Ооруканага жеткирилген чечен ким экени билингенден кийин аны бир эмес төрт милийса кайтарууга алды. Алар жөнөкөй жигиттерден эмес эле, атайын даярдыгы бар, бири бешөөнө каршылык көрсөтө алчу өлөрман жигиттерден эле.

Машинага кеткен жигити кечиккенинен артынан дагы бир жигитин жөнөтүп, болгон окуянын четбучкагын угуп, бир эселек орус баланын "кыргыздар чеченди жайлады" кошо угуп түз эле ооруканага келишти, байагы чыр башы болуп берген "Ауди" менен. Келишти да кирүүгө мүмкүндүк алалбай эле кутурган немелер куралдуу кол сала албай бир сааттай наркы-терки жүрүшүп анан кетип калышты.

Үч чечен башка чечен тобунуну башчысына байланашып болгон ишти түшүндүрүп, жардам сурашты. Алардан бат эле келген дагы төртөө болуп машине койчу жайга - Мырзабектерге келишти. Машиналарын көчө бойуна токтотуп баары жерге түшүп байкоо салышты. Ваханын жини кайнаган ойунда бу жерде иштегендердин баарын жайлап кетмек. Кароолчулар турчу үйдүн жанында беш-алты, анын сол жагындагы ончакты метр алысыраактагы килейген караталдын көлөкөсүндөгү узун орундукта дагы ошончо жигит турат. Алар бекер эле турган жок. Муну далайды көргөн Ваха дароо эле байкады. Анангыча бак түбүндөгүлөр да, үйдүн жанындагылар да жайыла басышты, чечендерди көздөй. Ваха:

- Кеттик, - деп шаша басып машинасына отурду. Жети чечен эки машина менен куйрук түйдү. Аша чаап адыраңдаганы менен чеченге да жан керек.. .

Аларды көздөй баскандар таза эле кыргыздан турган эргулдар болчу, алардын арасында Мырзабекти эскертип, чеченди тепкилеп, огун чыгарып кеткен жанагы олбуржигит да бар болчу.. . анан да мындан үч жарым жыл мурун паркта бычак жеп өлгөн жигиттин агасы да бар эле. Баса, Ваха зордуктаган кыз ошол күндүн эртеси эле уксус ичип, ал жетпей калчудай болуп венасын кошо кыйып өлгөн.

Өлгөн жигиттин агасы кыргыздын анабашы кримавторитетинин жигиттери менен жүргөн жөнүнүн тарыхы мындай.. .

Өлгөн жигит Бишкектеги бир университетке жаңы эле өткөн. Анан калса он жыл чогуу окуп, бирисиз бири туралбачу сүйгөн кызы менен чогуу өткөн жаңы гана окуунун кызыгына батып, жанында жан жыргатары бар жапжаш жигит бу борборго келгенине ай толбой жайрабадыбы. Эки бир тууган эле бу шордуу. Улуусу он жыл чамасы бу шаарда турчу. Ошондон бери аздап соода кылып, нечен ирет банкрот болуп оңколо калып, кайра оңолуп, кийинки эки жылда иши дурус боло баштаган банкрот деген балээден улам алыстай чаап.. . Инисин өзү жылдап апкелип каалаган окуусуна өткөздү. Контракт деген балакетин төлөдү, каалашынча төлөйм деди. Жалгыз инисин окутпаганда кимди окутат. Бу жалгыз иниси өзүнөн он эки жаш кичүү эле. Ата-энесине ошол экөө эле буйуруптур да, болбосо байкуш энеси туура сегизди төрөгөн экен. Таңкалыштуусу төрөгөндөн ай айланбай чарчап калчу алты наристеси тең эркек экен. Эки баласынын бири, болгондо да жаш кетип баратканда көргөн эрке сүймөнчүгү өлгөндөгү эне-атанын маанайы өтө айанычтуу эле. Көздөн эзели жаш чыгарбаган мерестер да жашына ээ боло албай турушту го. Агасы да аябай күйдү, өрттөндү да тим эле. Ошондо сөз берди: инисин өлтүргөндү өмүрүн сайса да таап өлтүрөт, антмейин эркек эмес, акыркы шымын сайса да бүт каражатын инисин өлтүргөндөрдөн өч алууга сарптайт.

Бу отузга чыккан жигит инисин жандай сүйчү, далай ай боздогондон кийин иниси алардан бир жыл мурун ишке киришкен чакан дүкөнүн, жаңы эле алган "Жигулисин" сатып он миң доллар кылып кыргызкримдүйнөсүнүн анабашы менен жолугууга жол издеди. Ошол кримдүйнөнүн анабашы жакшы киришсе гана инисин кимдер өлтүргөнүн таап, өч алып берет. Милийсаң болсо закондон чыга албайт, законуң болсо жаза эмес эле шылдың го бир запкы тарткандарга, атып салчуларга алты жыл берип отурса.

***

Анысын ким өлтүргөнүн таптыңарбы деп милийсаны тажата сурап жүрдү. Аны менен катар кримавторитетке байланышуу жолун издеди. Кандай жол менен тапты ким билди бир күнү жөнөкөй эле ашканада өлкөнү дүң кылган авторитеттердин дал маңдайында калтырай да, сүйүнө да отурду. Эңгезердей дөөнү, көзүнөн кантамган бир коркунучтуу немени элестеткен неме авторитеттин кадимки жигиттердин бириндей экенин байкады. Өзүнөн биртоптой улуу көрүндү.

- Өз оозуңдан угайын, айтчы, - деди авторитет чыныга куйулган чайдан ууртап.

Күйгөн жигит ата-энеси жөнүндө, жалгыз инисинин жакындарынын кашайткан өлүмүн, анын өчүн алуу үчүн дүкөнүн машинасына кошуп сатканын.. . баарын, баарын айтып берип отуруп жашып да кетти, анан буркурап жиберди, бирбоорунан айрылгандын деми суубайт го.

- Ошентип мага канча доллар менен келдиң? - деди авторитет.

- Туура он миң менен.

- Жетпейт аның.. .

Авторитеттин бул сөзү жигитти жинди кыла баштады. Эми эле жакын көрүнгөн, ыймандуу көрүнгөн, тайанар тоосундай сезе түшкөн немени жек көрүп кеткендей болду:

- Дагы канча керек? - деди акырын.

- Жүз миң!

Жигиттин оозунан сөз түштү. Эмне айтарды билбей буулугуп турду. Авторитет аны сынай биртоп көз албай турду да айтты:

- Эй, мен деген азабы бар адамдан акча алып иш бүтүргөндөй коррупционер чиновник айбан эмесмин, мени түшүндүңбү?

- Түшүндүм.

- Дүкөнүңдү сатып алган неме кандай неме? Оруспы, кыргызбы?

- Кыргыз бала, жакшы неме.

- Кете бер, - деди авторитет жигитке башын жаңсай, - сага барышат.

Ошондон эки күн өткөндө эки-үч жигит келип иниси өлгөн жигитке дүкөнүн кайтарып бердирди. Сатып алган неме нааразы болбосуп деп баягы акысына өз чөнтөктөрүнөн миң доллар кошуп беришти, машина да алперишти ошол эле жумада. Ага беш жүз доллар кошту.

Жардам сурап он миң доллар көтөрүп барса, авторитет аны алмак турсун кайра бир жарым миңге чыгым болгону жигитти жинди болгондой таңдандырды. Анын кулу болууга, өмүр бойу таманынын астында жүрүүгө даяр болуп турду.

Авторитет төрт чечендин эмне кылганын баарын алар соттолгондон кийин уккан бир оңой эмес милийса чоңунан. "Инимди өлтүргөндү жазалап бериңиз" деп ал жөнүндө тизмектеп айта баштаганда эле аны Ваханын жигиттери өлтүргөнүн билди.

Авторитет бул төртөөнү түрмөдөн эле жайлатмак, бирок ал жөнүндө милийсаларга учуруп, алар түрмө чоңдоруна эскертип, а турсун чечендердин өздөрү да билип артараптан саксактап калганда өлүм өкүмүн кийинкиге калтырышкан. Инимдин өчүн алып бергиле деген жигит келгенден кийин туура бир жылдан кийин бошонушту төрт чечен. Алар чыгары менен катуу көзөмөлгө алынды авторитеттин жигиттери аркылуу. Бир-эки күндө өкүм ишке ашырыла турган болгондо жанагы окуя болуп кетти Мырзабек аралашкан..

Мырзабек Самат экөө эми төрт чечендин тарыхын толук угуп, Мырзабек бирин өз көзү менен көрүп, тээп көрүп, аларга өлүм апкелмей болушту эч токтоосуз, эскертүүсүз. Кыргыз жигиттеринин каны кандай болорун көрүшсүн, чеченде "канга кан" кыргызда андай эмес бекен. Кыргыз да намыстуу эл.

Чечен ооруканага жаткандын эртеси кечте Мырзабек менен Самат париктерин кийип, муруттарын тагынып, өз жаштарынан 15-16 жаш улуу көрүнүп, экөө эки башка киши болуп ооруканага келишти. Келсе анын алдында котологон эл, милийсасы батпайт. Көрсө, жыйырма мүнөт мурун бу жерде кайтарууда жаткан оору чеченди атып кетишиптир. Анан да алардан мурун ал неменин эркектик энегин түбүнөн кесип салышыптыр - муну Мырзабектер кийинчерээк угушту. Бу чечендер белгилүү авторитет тарабынан өлүм жазасына тартылганын, милийса тарап мейли деп тоскоол кылууга аракет көрбөй турганын да Мырзабек менен Самат кийин угушту. Ошону менен чечендерди жайына койушту, "өлүм апкерчүлөр" бар экен, болгондо да ал иште аки-чүкү дебей бүтүрчүлөр.

***

Ваха бу жерде эми ээн-эркин койчусуз короо койдо карышкырча жүрө албасын билди, жергиликтүү чечен бандиттеринин кеңеш-чечими менен Ваха калган эки жигити менен белгисиз мөөнөткө чейин Казакстанда башкалкалап турмай болушту.. .

Ваха "Аудинин" артында үргүлөйт. Бир жигити рулда, экинчиси анын жанында. Ваха өздөрүн өлүмгө кыйгандардын түбүнө бүгүн болбосо эртең сөзсүз жетем деп тишин кычырата сөгүнөт. Бүт кыргыз кылым эстегендей кылбаса элеби. Бу баш кесер бүгүн кетимиш болуп баратканы менен жума айланбай күчтөнө куралданып келип бир-эки түндө баарын кырмак.. .

Шашке чен. Асфальт жол бир дөңсөөгө созулуп кайра жерге түшкөн жерде автоинспектор тозду. Токтоп турган микроавтобустан дагы бирөө түшүп, экөөлөп машийнаны текшерүүгө алышты, багажникти ачтырышты. Документ сурашкан жок. Рулда отурганды микроавтобуска киргизишти, тазасыңбы же ичкенсиңби врач-нарколог текшерет деп. Анысы автобуска кирип эле башка бирди жеп, оозу чапталып, башына картөшкө салчу ак мүшөк кийгизилди. Аз өтпөй башка жеген Ваха менен дагы бир жигити мүшөк кийди. "Ауди" чоң жолдон буйткараак айдалып, өрттөлдү.

Ошол асфальт жолдон төрт-беш чакырым алыс азыр ураганы турган сарайдын ичинде Ваха эки жигити менен чөгөлөй отургузулду, буту-кол байланган жок. Кайда качмак. Кол кайтарганга аракеттенсе авторитеттин жети жигитинин эки-үчөө эле жетет тынчытып койууга.

Авторитет сурап турду кыжырдуу, кекерлүү:

- Ии, Ваха белең, эй аңги, кыргыздын канча кызын какшаттың?

- Эсептеген эмесмин, - деди Ваха орой.

Анын артында турган авторитеттин бир жигити төбөдөн ары басты эле Вахаң каша боло жаздады, эси ооду.

- А силерчи? - деди авторитет Ваханын эки жигитине. Алар үн каткан жок. Антсе да башка бирден жеп эстери ооп кайра оңолушту.

Авторитет сөзүн улады, ал Вахага багышталды:

- Ии, энеңди гана, сука! Азыр канча кыздын убалына калганды эстейсиң, энеңди гана урайын эшек десе! Кана, баштагын, - деди жигиттерине, - эй, эшек сен азыр биттелесиң!

Жанатан тоотпогондой турган неме эми сезди накта коркунучту. Андан ары ойлонууга чамасы келбей калды, эки жигит аны эки жактан кабыштыра кармап бурч жакка алпарышып чалкадан салышты. Сырттан келген акхалатчан жигит сумкасын ачып жабдыктарын алды.. . Бир бакырды Ваха, сарай урап түшчүдөй бакырды. Аз өтпөй сөгүнгөнгө өттү. Берки экөө да ачуу чаңырык менен биттелди. Эми гана кол-буттары чечкис чырмала байланды.

Сырттан баягы иниси өлгөн жигитти авторитеттин алдына алып келишти.

- Тигине, - деди авторитет кудайга үнү угулуп жаткандарды көрсөтүп, -иниңди өлтүргөндөр ушулар, азыр эле биттелди, бирөөсү ооруканадан атылды. Ме, кааласаң өз колуң менен атып сал. - Авторитет жигитке тапанча сунду эле, тиги чочуп кетти:

- Аталбайм, байке.

- Мейлиң аталбасаң. Өчүң кандыбы?

- Канды.. . Сизге аябай ыраазымын, байке, өмүр бойу кызматыңызга даярмын.

- Мага кызматыңдын кереги жок. Өзүң аман жүр, бар эми кете бер.

Жигиттин көкүрөгү жеңишке толуп турду, көксөсү сууду, иниси тирилгендей болду, жашып кетти баары бир.. .

Ошол эле күнү атасына жетип болгон ишти айтып берди эле а дагы жеңилдеп алгандай болду. "Канга кан" деген дары тура көксөөнү суутканга.. .

Бу жолу авторитет жинине алдырды, мыкаачы болуп кетти, тиги үчөөнү бирден атып тынчытуунун ордуна өлбөс жерлерине эки-үчтөн аттырып жарадар бойунча канын суудай агызып таштап кетти. Жандын таттуулугун, мыкаачылык көркөөлук, зордуктаган эмнеге апкелерин билсин деди. Жок дегенде өлүп баратып билсин адам өмүрү, жаны өтө эле таттуу болорун.. . Өлүктөр эки күн өткөндө табылды. Адегенде өрттөлгөн машина табылып анан дагы издөө салынып жатып сарайдагы өлүктөр табылды. Судмедэксперт булардын өлгөнүнө беш-алты саат эле болгонун аныктады. Кан агып бир суткадай өлөлбай жатышкан го кебетеси.. .

Бу өлүктөрдү тапкан оперлердин бири дароо эле айтты дейт калгандарына: "Ушундай болмок дейм да.. . Бир аз кечигип өлүштү окшойт менин эсебимде" деп.

***

Мындан ары окуя өтө тез уланды, биртоп бандиттердин баштары кетти. Алардын көбү кыргыз эмес эле.

Авторитет жигит эми чечендер тараптан сокку болорун күттү. Эпадам алар "канга кан" дебей тынчыса эчнерсе кылбайт, ал эми өч алабыз деп чыгышса анда алардын биртобун тынчытып экинчи бул жерде тынч жүргөндөй кылат.. .

Үч чечендин өлүгү сарайдан табылгандан кийин авторитет борбордон 60-70 чакырым жердеги бир дос жигитинин энесине топурак салып келаткан. Алдындагы "Мерседеси" орто ылдамдыкта келатат. Авторитет арткы орунда отуруп жол жээгин карайт, ойго батат. Кашкарайып калган убак, машинанын жарыгы күйгүзүлгөн. Бир маалда аларды бир БМВ кууп өтө берип жолун торой жол жээгине кысты да андан автоматтын огу жаап кирди. Авторитет жата калды, шопуру машина токтоп баратканда окко учту, анын жанындагы жигити ок биринчи атылганда эле жан бериптир. Машина жолдон чыгып бадалдарды аралай барып токтоду. Авторитет эшикти ачып сыртка чыгып, бадалдарды аралады. БМВдан эки автоматчан чуркай түшүп, "Мерседести" дагы бир сыйра чайкап анан баары өлдүбү дегендей текшерип көрүштү. Авторитет жок ичинде. Дал кереги жогуна жинденген экөө наркы-терки чуркап бадал аралатып чайкап жүрүшөт.

Авторитет анча алыс эмес жердеги топ болуп өскөн бадалдын ортосунда эле. Автоматчандын бири түз эле аны көздөй басты. Аралык он метрдей эле калган. Дал ошондо Авторитет тигини дал көкүрөккө мээлеп тапанчасы менен басып-басып алды эле, оңкосунан сайылды, октун бири дал жүрөккө тийип мүрт кеткен. БМВда бешөө экен. Эми калган төртөө тапанчанын огу чыккан жакка чуркашты. Авторитет бадалдарды аралап тереңдеп кетпей, жолду жээктей чуркады. Издегендер болсо шеригинин өлүк денесин көрүп бадалдарды аралай издеп жүрүштү, кезек-кезек атып койуп.. .

Авторитет бир өлүмдөн калды. Жанагы жерден бир чакырымдай узагандан кийин сотовыйын алып дароо оң колуна чалып ишти кыскача түшүндүрүп буйругун берди. Ошондон кырк мүнөт өткөндөн кийин ал жигиттери менен "Мерседеси" атылган жерде турду.. .

Авторитет эки жигитин жайга тапшырууну күтүп отурган жок, ошол эле түнү чечендер менен орустардан турган бир чоң топтун анабашын төрт-беш жигити менен тынчытты. Калган ончакты орус, чечен Казакстанды көздөй качып кутулду окшойт.. .

Чечен тобу жок кылынып, алардын өчүн алчулар өздөрү араң кутулуп Мырзабектер аман-соо калышты. Бир-эки ирет тергөөчүнүн сурагы болбосо.. .

***

Мырзабек аялынан айрылганына үч жылга чукулдап барат. Аял алуу азырынча ойуна келелек. А турсун айалга жолой элек. Кырктын жоон ортосуна эми чыккан эркектер аялсыз кайдан жүрсүн, дени-карды соо туруп.

Мырзабекке аялынын өлүмү өтө катуу тийген эле, анүстүнө анын өлүмүнө түздөн-түз өзү күнөөлүү да. Аялынын кайгысы башы менен кетчү иш болуп калды да көрүнөт.. .

Кыштын ызгаары баралына келип түкүрүк жерге жетпей тоңуп турган кез эле. Бул убакта машиналар дээрлик эки эсе аз койулат. Айыл-ападан машина менен каттабай калышат го кебетеси.. .

Бул жерге бир жылдан бери машина койчу келин бар. Бир күнү ошол кароолканага баш багып өтүнүп калды:

- Машинанын эшиги ачылбай жатат, жардам берсеңиздер.

Мырзабек төркү үйдөн жаңы эле чыккан:

- Жүрүңүз, - деди берки эки жигиттин ордуна, - замогуңуз тоңуп калган го.

- Ошондой го, - деди келин.

Экөө анын машинасына келип Мырзабек келиндин колунан ачкычты алып кийип турган пальтосун санына жабыштыра берип ачкычты сүртө берди. Мүнөтчө ошентти окшойт. Анан эшикке салып бурады эле эшик шарт ачылып кетти.

- Рахмат, сизге, - деди келин жароокер жылмайып, акын Анатай айтмакчы "бир бетин өпсө, бир бети калчу" периште экен. Мырзабектин аны жакындан көрүшү ушул.

***

- Өзүңүз ачсаңыз деле ачылмак, - деди Мырзабек.

- Эмеле ачалбай койбодумбу.

- А сиз пальтоңузга сүрүп ачышыңыз керек болчу, - деп күлдү Мырзабек.

- Мындан ары эсимде болот. - Аял да жылмайды. -А сиздин аялыңыз барбы?

Мырзабек мындай суроону эч күткөн эмес. Жок, чээнден чыккан жаман деле суроо эмес, бирок ким ойлоптур ушинтип сурайт деп.

- Каза болуп калган, - деди Мырзабек эмелеги күлкүнүн изи сыдыргандай жок. - Каза болуп калбадыбы. - Муну келинге эмес, өзүнө айткандай болду.

Келин ыңгайсыздана кетти. Мырзабекти небактан жактырып ана-мына таанышам деп жүргөн. Бүгүн батынды. Аялынын каза болгонун кайдан билди. "Аялым бар" десе, мени менен туруп сүйлөшкөндөн коркпойсузбу деп тамашаламак да.

Келин сөздү эмне деп улантарды билбей турду эле, Мырзабек:

- Сиздин күйөөңүз барбы? - деди.

- Бар.. . Эгерде ал мени сиз менен турганымды көрсө, түз эле атып таштайт.

- Мылтыгы барбы, күйөөңүздүн?

- Мылтыгы да, тапанчасы да бар.

- Бандитпи?

- Жок. Бандиттердин сазайын берет, прокурор.

- А мен эски милийсамын, - деп жиберди Мырзабек байкоостон эле.

- А, анда сизде да мылтык менен тапанча бар турбайбы, - деди келин күлүп.

- Жок. Алыбалышкан.

- Көрүшкөнчө, - деди келин.

- Көрүшкөнчө, - деди Мырзабек.

***

Бир күнү келин Мырзабекке дагы кайрылды күлүп:

- Эшигимди ачып бериңизчи?

- Эмне, дагы тоңуп калыппы?

- Машинаныкын эмес, үйдүкүн, - деди келин дагы күлүп, -сиз гана ача аласыз, башка бир дагы киши ачалбайт.

Мырзабек келиндин сөзүн терең түшүнө албай, тамашасы кай жерден башталып кай жерден бүтөрдү билбей кызык болуп турат эле келин кебин дааналады:

- Сизди үйгө чакырып келдим. Бир чыны чайга. Барасызбы?

- Барам.

- Жүрүңүз анда.

- Азыр элеби?

- Азыр эле.

Мырзабектин айласы кете түштү. Ушинтип эле карп-күрп бирөөнүкүнө, болгондо да чала тааныш келиндикине мейманга деп кирип барабы? Ооба, келинди алгач көргөндөн эле жылуу жүзүн ойлоп койгон. Андан ары тереңдете ойлогон эмес. Өгүнү машинасынын эшигин ачып бергенден кийин бул келинди көп эстейт. Ачык-айрым, жайдары мүнөзү, кериле басканы, узунунан келген келишимдүү мүчөсү Мырзабекти өзүнө имерип бараткандай болот. Бүгүн эртең менен атайын эле сыртка чыгып келинди көрүп ыгына жараша сүйлөшмөк. Анан келин кезигери менен үйүнө чакырарын дегеле ойлобоптур.

Кызык болуп кетибаратат келишкен келин менен. "Күйөөм прокурор, кызганып атып салышы мүмкүн" деп тамашалабады беле.. .

Экөө батэле беш этаж кирпич үйлөрдүн бирине кирип, экинчи этажга көтөрүлүштү.

- Мына, ачып бериңизчи, - келин Мырзабекке ачкыч сунду.

Ал ачкычты алып эшикти ачты, андан кийин темир тор экен, аны ачты, башка ачкычы менен. Үйгө киришти. Мырзабек адегенде келиндин пальтосун чечип илди, анан өзү чечинди. Төркү үйгө өтүштү. Бул типтеги үйлөрдө мындай чоң бөлмө болбош керек эле. Эки бөлмөнү кошкон өңдөнөт, кенендигин айтпа. Мырзабек көрсөтүлгөн килейген диванга отурду. Келин "Мен азыр" деп ашканага кетти көрүнөт.

Мырзабек бөлмөгө көз чаптырат. Балакет баскырдыкы мындай дүнүйөсүбү же жасалгасыбы, ким көрүптүр. Кинодон көргөнүң го бир жөн. Кооз шкафтар, килейген кумаралар, вазалар, килейген телевизор жана башка толгон музыкалык аппараттар, картиналар, баары эле жылтылдайт, жерге салынган килемдин ажайып кооздугун айт, опера театрдын люстрасындай болгон люстрасын айт. Стулдар падышанын тагындай кайкайат. Эсептеп бүткүс көроокат. Күйөөсү чын эле прокурор болсо кылмышкердин канын кактабай соргон экен, күнөөсүн жеңилдетип.. .

***

Мырзабектин келин менен болгон окуясын койо туруп бир орус жөнүндө сөз улайлы, анткени бу келин менен ошол көпкөн орустун байланышы бар эле да.. . Бу - Борис Петрович Кидаев деген эңгезердей сары орус бүтүндөй кыргызыңды бучкагына теңебей оголе жашкы көптү. Жаратылышынан өтө куу, митаам жаралган неме улам бой тарткан сайын ошол куулугу менен митаамдыгы ашынды, анан калса бу кыргыз дегениңди канча тебелеп-тепселесең да мыңк этпей жүрө берчү макулук катары көрдү, аларды адам катарына санабады. Антпейт эле, кыргыз өзү ошенттирди окемдерди мойнуна мингизип анан төбөсүнө чыгарып алат эмеспи.

Бу чочко сындуу Борис кыргыздын төбөсүнө кааласа футбол ойнойт, кааласа сулууларды жарым жылаңач кылып конкурс өткөзөт, кааласа тутам-тутам акчаны дал ошол төбөгө төгүп туруп өрттөп жиберет. Эрке орус каалаган кызматын алып турду. Бүтүндөй бир мамлекеттин көзгө басар борборун кыргызда бычакка сап бирөө калбагандай ушул сары оруска башкартып отуруп беришпедиби. Дал мына ушул жерде бу кудай урган неме акчаны жанына жакшы солоду, кең мекендүү Орусиясына жөнөтүп турду, дагы далай акчаны каалаганындай чачты. Каны тарткан каапырың далай орустун чөнтөгүн арам акчага толтурду. Борбор шаарды каалагандай бийлеп, падышаны эмес кудайды тоготпой бараткан бу орусту дайым жасап койуп аттиң дечү кыргыздар катуу кеңешип, коркуп-үркүп жатып өкмөткө чектешти, көтөрүлдүң кылып. Ал орусуңдун көпкөнүндө чек жок шапар тепчү ойунзоокторду ченемсиз уюштуруп, ачка борбордогу кыргызды шылдыңдап турду, ал ойунзоокторго миллиондорду чачып. Ай ушу кыргызың, кудай бардыр.. . Канча орусту төбөсүнө чыгарып ойнотподу дейсиң! Аларың ойноп ойуну кангандан кийин кыргыздын эсебинен орус жерине кабат-кабат үйүн салып, банктарга акчасын аманаттатып анан "бу энеңдурайын кыргызыңдын намысы бир күнү ойноп кетсе, соо калбасмын" деп биринин көтүнөн бири Маскөөсүн көздөй жылып турду, ырыс-кешигибизди эңшерип кетишпедиби а айбандар. А балким алар туура кылып жатат, деле ушу кыргызга сооп, айоо жок!

Бу көпкөн Борис шаардын мыкты жерлерин кимиси акчаны көп берсе ошого сатты. Укмуштуудай имараттарды, ишканаларды, дүкөн-мүкөндөрдү менчиктештирүүдөн миллиондорго марыды. Менчиктештирүү убактысынча "кан буугандай токтосун" деп бир ирет президент буйрук берди эле, Бокең уруп ойногон жок а буйрукту. Каалаган адамына менчигине бергенди улантып турду.. .

Бир күнү өз эсебине түшүп Орусия меен дагы бир катар чет элдин банктарына ишенимдүү орун алган акчаларын эсептеп көрсө бу ал үчүн кыкка турбаган кыргыз мамлекетиңдин жылдык бюджетинен алда-канча ашык экен. Ушул жетер деди. "Бу энеңдурайын койлордун арасынан бир кочкору чыгып көчүгүмдү чукубасын" деп алеки саатта Маскөөгө кете берди. Ал жакка американын акчасынан миллиондоп берип койгон экен, түз эле барып эңгезердей кызматка отуруп калды кез-кези ал үчүн абореген эсебиндеги кыргызыңды эскерип койуп, бул жакта калган куйруктары телефон чалса сөздөрүн угуп койуп, алар өтүнгөн иштерди Маскөөдө жатып эле бүтүрүп койуп жашоосун улайт.

Бир ирет ал кетелекте кайсы бир банкетте өлкөнүн генпрокурору Кидаевди тамашалап калды: "Ия, Борис Петрович, ээнбаш гезиттер, генпрокурор Боряга качан кайырмак илет" деп жаза баштады, эмне деп тамтаңдап атышат, ыя? Сени балык деңгээлине түшүргөндөрү эмнеси? Кит десе го бир жөн, анан.. . " Борисиңе ушул азыр генпрокурор эмес президент Манастын арбагын эмес, өзүн ээрчитип келсе да тоотмок эмес, жообу даяр экен, айтты: "Мырза генеральный, мен официалдуу эле айтып койойунчу мени чабак десеңер тор жайгыла же кайырмак салгыла, кит дечүңөр гарпун менен атып алгыла, албетте, колуңардан келсе дечи.. . " Муну уккан генпрокурор чыртыйды: "Колдон келчү иш, ырасында". Борис "Мырза генеральный, эмдиги жумада орус президенти келеринен кабарың барбы?" деди эле генпрокурор "ии" деп сөз күттү. "Аны билсең, - деди Кидаев сөз улап, улаганда да мылтыңдагандай мыйыгынан күлүп турбайбы, - а киши кайырмак салбай эле бир жутуп койсо не дедиң?!". Кидаев генпрокурорду көчүккө жукканча көрбөй кайкайа басып кетти. Генпрокурор мунун тоотпогон кебетесин көрүп жиндене баштаган "не дедиңине" "энеңдин көтү дедим" деп аз жерден айтып сала жаздагандай болду. Өзү да чочуп кетти. Бирок бу генпрокурор эч качан антип айтмак эмес, көчүгү кууш төрөлгөн көп кыргыздын бири болчу. Өзүнөн чоңдорго бел ийгенди мыкты билчү. Азыр болсо ичте ойногон коньяк кудайдан коркпой көөп турган Боряга тийиштирип атпайбы. Жаман ойунда ал оруска "мен баарын билем, бирок сага жамандыгым жок, кийин ошону биле жүрсөң" маанисинде баштаган да тамашасын. Анысы оңдуу болбой калбадыбы.

***

Мырзабектин автожайына ар дайым машина койуп жүрчү бир Токтаалы деген ак чач адам бар эле. Өзү жетимиштен өтсө да баласындай болгон немелерди да "сиз" деп сүйлөгөн кебездей жумшак адам. Өмүр бойу Акүйдө иштептир. Азыр Акүй, а мурун болсо ЦК дечү, СССР убагын айтабыз. Ошентип Токо байке пенсияга чыкканча да, чыккандан кийин да бир топ жыл Акүйдө кагаз менен иштеп өкмөт башкарып жүргөндөрдүн бүт бардыгынын баскан жолун, кылык-жоруктарын, мүнөзүн, адамдык, айбандык сапаттарын мыкты билчү.

Бир ирет Токо байке Мырзабек менен жакын жердеги кафеден пиво ичип отуруп, ошол Акүйдөгү тири шумдук окуяларды айтып отурду. Мырзабек деле көптү уккан, бирок Токо байкече кайдан билсин! Анын айткандары укмуштуу жомок сындуу - коркунучтуу да, кызыктуу да угулду. Кез-кези менен орундуу суроо берип койуп жакшы укту Мырзабек. Ошондо Токо байке Кидаев жөнүндө, анын кылыктары жөнүндө уккан адамдын кыжырын келтирип жинди кылып таштачу маанайга жеткире айтканда Мырзабек кыргыз болгону үчүн намыстана да кетти. Ошол Кидаев жакын жерде болсо кууп жетип баса калып жантаслим кылып салгысы бар.. .

Ошол күндөн Мырзабек Кидаевди көп ойлочу болду. Саматка да айткан. Анан экөө бир чечимге келишти - бүтүндөй бир элди теңине албай шылдын кылганы аз келгенсип, миллиондогон акчаларын да уурдаган немени дагы да шапар тээп жашоого акысы жок - өлүм барышы керек ага тез арада.

Бир күнү Мырзабек телевизордон жаңылыктарды көрүп жатып баягы Кидаев Бишкекке келгенин, келгенде да Москванын атынан келип Көлдөн ылайыктуу жер тандап ал жерге пансионат саларын укту. Аны тегеректеген өзүбүздүн чоңдор бөйтөктөйт тим эле, илгерки француз королдорунун маскарапоздоруна окшоп турбайбы. Бул кабарда айтылды - Кидаев Көлдө эки-үч күн эс алып анан кетет экен. Дал ушул жерден тынчытыш керек көпкөн өмүрдү.

Самат экөө ал операцияны кылдат пландаштырып көрүштү. Самат бир күнгө Чолпонатага да барып келди. Өлүмдү ишке ашыруу азырынча болбойт деген чечимге келишти. Анткени өмүрү коркунучта экенин сезген сымал аны Маскөөсүнөн коштой келген эки жигити көз ирмем жалгыз калтырбай кайтарганы аз келгенсип кошомат кыргызың дагы үч-төртөөнү кайтартып жатпайбы. Анын үстүнө эки күндөн кийин кетет.

Кидаевдин өлүмү Маскөөсүнүн өзүнөн ишке ашса оңойураак болчудай көрүнөт.

Мырзабек менен Самат көпкө кеңешип Москвага Самат бармай болуп, үч-төрт күндө учмак болуп жатканда "Кидаев Ысыккөлгө эс алууга келди" деген кабарды угушту. Эми ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Кидаевди Маскөөсүнө сөөгүн алпарууга шарт түзүш керек.

Кидаев эс алганы келгенден эки күн өткөндөн кийин Мырзабек стоянканын кожойунунан төрт күнгө Көлгө түшүп келүүгө суранып жөнөп калды. Ал жакка барып Чолпонатадагы бир пансионаттан орун алып байкоосун жүргүздү. Кидаев өкмөткө караштуу пансионаттардын биринде эс алат экен. Өзү эле келиптир, үй бүлөсүз. Анан белгилүү да бул жерден орус, еврей анан кыпкыргыз достору түсү тайгылтчу кыздардан төрт-бешөөнү тандап койушкан небак. Үч-төрт улуттан бар, кыргыз сулуусун кошкондо.

Кидаев эки күндөй эч ким менен сүйлөшпөй көлгө түшкөн болот. Төртүнчү күнү гана даярдалган кыздан бирди алдырды. Кайтарган эки жигити артынан калбайт. Сырткы үйдө жатышат. Бу күнү Кидаев жигиттерин башка бөлмөгө айдады. Жанында эрмеги болсо уят да бир.. .

Мырзабек бу кайтарылчу пансионатка пляж жагындагы сетка тордон үч күн бойу ашып түшүп, Кидаевдин кай жерде жатканын, көлгө кай убакта түшүп, кай убакта эс аларын, баарын-баарын шашпай көрдү, сарэсеп салды.

Төртүнчү күнү Кидаев кыргыздын бир сулуусун койнуна алган күнү үчүнчү этаждагы узун балконго чыкты Мырзабек. Балкондон балконго бат эле чыкчудай салынган экен да бул имарат. Саат төрткө аз калган. Аз өтсө таңдын белгиси келет. Бул убакта элдин баары кызуу уйкуда.. .

Мырзабек ысылап ачылып койулган балкондун эшигинен бөлмөгө кирди, мышык басыш. Оңбогон орусуң мына мен бул жерде жатам дегендей коңуругун бөлмөнү урата тургандай тартыбатат. Анын коңуругун уруп ойнобой бир сулуу бутун бу оруска арта салып уктап жатат. Ай жарык эле, баары даана көрүнөт, кудай ургандар дырдай жылаңач эле.

Мырзабек чалкадан түшкөн орусту дал чекеге бир эле басты. Глушителден үн көп чыкпайт. Бутун оруска арта салып өзү чалкадан түшүп, башы тескери бурулган кыз тапанчанын үнүн сезген да жок.

Мырзабек келген жолуна түштү.. .

***

Кечинде шапар тебээр алдында Кидаев жигиттерине катуу эскерткен "саат туура 5. 00дө ойготуп койгула" деп. Анткени эл тура электе бу койнунда балык болчу чүрөктү кетириши керек, аптеретти сакташ керек да. Кидаев антип сактанганы менен ошол жерде эс алган маанилүү кыргыз чиновниктеринин бир тобу аялдары менен кошо бул көпкөн сары орус бөлмөсүндө ким менен экенин небак билишкен.. .

Ошентип саат туура 5. 00дө Кидаевдин бир жигити анын эшигин какты акырын. Да бир аз күтүп дагы кайталады. Бу жолу катуураак тыкылдатты. Жооп жок, жигит дагы бир мүнөтчө туруп эшикти катуу-катуу тарсылдатып тыңшады, ошондо кыздын чаңырган үнү чыкты. Жигиттин жүрөгү түштү, шеригине чуркай жетип ээрчитип келди. Бу убакта кыз эшикти ача берип чаңырып жүрөт.

- Өлтүрүптүр.. . өлтүрүптүр.. .

Жигиттер бөлмөгө чуркап кирип кыймылсыз жаткан шефинин денесин көрүштү. Бир жигит кыймылсыз денени жулкулдатып жиберди:

- Борис Петрович, Борис Петрович!

Жооп жок. Баштан агып аппак шейшепке аккан канды көрүштү, атып кетиптир да.. .

Аз өтпөй райондун прокуратурасынан, милийсасы менен кыгыбысынан, аким-сакимдери менен келип бу жерге батпай кетишти. Өлсө бир сарорус өлгөндүр, чочко кейпинде, анан булар эмнеге ызы-чуу түшөт десең, бир опертоп келсе жетмек да, кайра тирилтип албагандан кийин. Баса опертоптун жетекчиси бир майор жанындагы жолдошуна шыбырап турду: "Энеңди гана урайын, бул чочкого сооп эле болуптур, биттеп кетишпейт да!". Муну айткан майор намыстуу кыргыз жигиттеринин бири эле, өзүндө мындай бүтүм бар болчу: эч качан бу чочкону атып кеткен кыргызды таппайт. Ооба, кыргызды. Кыргыз атты деп ишенгени бул орустун ажалы кыргыздан эле да.. . Кыргыздын кылмышкери да, атылганы менен тонолгону да кыргыздан болсун! Көрүнгөн улутка кор болгону жетет эми.

Ошол эле күнү түшкө маал өкмөттүн бир вицеси, генпрокурору, ички иштер министри, коопсуздук кызматынын төрагасы толгон-токой куйруктары менен Кидаевдин өлүгүн көрүүгө келишти. Өлүгүн көрүүгө дегени ошол, бу жерде болуп, иликтөө-изилдөө ишине башкөз болгонсуп, кол алдындагыларды айкырта сөккөн болуп көз көрсөтүп койуу да. Миң чамалуу, он миң чамалуу келсе да аткан адам кармалбас!

Ошондон эки күн өтүп Маскөө тараптан да бир короо шимшүүрлөр келди - генпрокуратурадан, милийсасы менен ФСБсы кошо. Кадимки эле Орусиянын алыскы бир районуна келгендей келишти. Бу Кыргызстан деген өз алдынча мамлекет экенин, бул орусиялыктар үчүн Англия менен Япония сыяктуу эле четөлкө болуп саналарын эсептебей эске алгысы келбейт, теңсинбейт. Бу жоон топ шүмшүңдөген шүмшүүр орустар Бишкектеги эң мыкты деген мейманканадан орун алышты, Чолпонатадан да буларга мыкты пансионаттан орун беришти, кааласа Бишкекте, кааласа Көл жээгинде болушат. Алардын алдына чет элдик мен деген машиналары туура тартылды. Каалаганын минишет. Булардын жетекчиси генпрокуратурасынын полковниги орустан башканын баарын, бөтөнчө азиаттарды жининдей көргөн неме экен, жардамдашып жүргөн кыргыз жигиттерди теңине албайт, кагып-согуп адам катарында санабайт.

Кидаевдин сөөгүн Маскөөгө жөнөтүп тынышты. Иликтөө тобу кетелек.

Ал топтун иши жөнүндө, жетекчисинин "ит неме" экендиги жөнүндө Самат бир досунан угуп келген. Мырзабек да укту. Өңгө жерде өз үйүндөй жүрүп көнгөн орустардан Мырзабек да көп капа болгон адамдарды билет, көп уккан. Совет доору болуп турганда орусуң чынчынына келгенде кыргыздын жонунан кайыш тилип, мал катары көргөнүн, эмдигиче эле ошол маанайда экенин Мырзабек билет. Бир күнү Мырзабек Самат экөө ушул жөнүндө сүйлөшүп жатып мындай күтүүсүз чечимге келишти - Кидаевди ким өлтүргөнүн камырдан кыл сууругандай кылмакчы болгон жанагы полковниктин айласын түгөтмөй болушту азга.

Бу полковник ырасында мыкты профессионал эле. Бир кемчилиги, же кемчилик эмеспи, ким билди, аялдарга өтө жакын эле, киндиги туташтай, же дагы бир жери.. .

Самат акырын аңдуу салып ошол полковник өздөрү жаткан ресторанда ырдаган, бийлеген орус кызды жактырып калганын, анан күндө түн ортосунан оогон кезде экөө полковниктин номеринен кезигишерин билди.

Самат бардык тараптан көзөмөл салып бүгүн ишти бүтүрөм деген күнү полковник саат кечки тогуздар чамасында ресторанга кирип аздан тамак жеп, таза арактан согуп отурду. Кол алдындагылар изилдөөсүн көлдө жүргүзүп, көлгө жакшы түшүп кайра келип атышкан, полковник кааласа күнү барып түшүп келет.

Саат он экиден өтүп калган. Полковниктин кызы жарым саат мурун өзүнө тиешелүү ырларын ырдап бүтүп, бети-башын тазалап. душка шапшынып, кийим которуп полковнигинин жанына келди. Экөө ичип-жеп дагы жарым сааттай отуруп номерге келишти. Кыз чарчаган экен, түз эле төркү бөлмөдөгү кенен керебетке кулады, чечинип-чечинбей. Полковник болсо душка кетти, бир сыйра чайканып келүүгө.. .

Полковник кечигип атты. Кыз биртопко күтүп, анан чарчаган неменин көзү илинип кетиптир, эртең менен бирөө чачтан жула тартып ойготту.. .

***

Кызды ойготкон полковниктин оперлеринин бири эле. Чачтан катуу тартылган неменин уйкусу умачтай ачылды. Эмне болгонун түшүнбөй жылаңач денесине одеял тартканга эптеп жарады:

- Эй, шлюха, Сергей Петрович кайда?!

Кыз бүрүшүп жанжагын карады:

- Билбейм.

- Ким билет анан?! - Тиги неме кыздын бетине алакан басып чалкадан түртүп жиберди да, ванна тарапка басып эшигин ача берип жүрөгү шуу этти. Сергей Петрович ваннада жатат. Чекеден сыбызгыган кан беттен ылдый агып катый түшкөн. Атып кеткен тура.

Опер түз эле келип кайдан-жайдан кишен таап кыздын колуна салып батареяга экинчи жагын бекитти, чала-була бир-эки тээп да алды. Чуркап барып жолдошторун чакырды, коңшу номерден. Жарым саат өтпөй кыргызыңдын мен деген прокурору менен милийсасы ушул жерде котолоду.. .

Дагы бир орустун өлүгү Маскөөсүнө жол тартты. Өлтүргөндөр шеги жок ың-жың.. .

Өмүр бойу кыргызды кыкча көрбөгөн Кидаев Москванын бир жерине койулуп, "жакшы адам болчу" дегенден аздап айтылып, эртеси ошол маркумга жакшы сөз арнаган немелердин эсинен Кидаевиң небак чыкты. Кыргызга кырдуу көрүнүп, опсуздана жүргөнү менен Маскөөсүндө кумурска эсебинде экен аның.. .

***

Баягы прокурордун аялымын деген сулуу кез-кези Мырзабекти үйүнө чакырат, экөө чай ичишет, тамактанышат, аздан арактан согот.. . Мырзабек ал аялды жактырып барат, бирок аны айтпайт, колун назик кармабайт, жүзүнөн сүйбөйт. Аял болсо ошону күткөндөй. Бу эркек ойбойуна койбой кычырата кучактап эзип турса.. . Анан имере тартып бети-башынан калтырбай өпсө, сорсо..

А бирок бу токтоо тарткан карылуу, татына жигит ал жолго барбай турат.. .

Бир күнү ал сулуу Мырзабек отурган кароолканага түз эле кирип келди Аппак шым, аппак футболка кийген. Шымы сандарын тырыштырып узун бутун белгилеп көрсөткөндөй, төшүндөгү кош белги дааналанып, ээсинин деми менен кыймылдап.. .

- Саламатсызбы.. .

- Саламат. - Мырзабек бу сулуунун келатканын айнектен көргөн. Сыртка чыгып жолун тосконго үлгүрбөй калган.

- Дагы чакырып келдим, - деди келин. - Дайыма эле мен чакырып, а сиз качан чакырасыз?

Мырзабек эмне айтарын билбей, анүстүнө кароолдо турган жигиттен да ыңгайсыз болуп кетти:

- Жүрүңүзчү.. .

Мырзабек келинди карабай сыртка чыкты, келин болсо артынан басты.

- Эмне, мага таарынып калдыңызбы? - деди келин Мырзабекке катарлаша басып.

- Жок. Эмнеге таарынмакмын.

- Мен сизди тоого баралы деп чакырып келгем. Быйыл бара элекмин. Бүгүн чыгындым. Анан сиз менен баргым келди.

"А күйөөңүз барбайбы?" деп сурабала жаздады Мырзабек, башка сөз айтты:

- Кеттик анда.

- Кеттик, - келин жылмайды.

Келин машинасын зуулдатат экен. Кенедейинен рулду кармап көнгөн Мырзабек келиндин шыктуу шоопур экенин дароо эле байкады. Болгондо да автобазаларда пенсияга чыкканча иштеген шоопурлардай кыймылы.

Барчу тоосуна жарым сааттан аз өтүп эле жетишти. Суу бойлоп өскөн бадал арасынан жер тандап жата калып оонап-оонап алгың келчү көкмайсандан орун алышты. Келин небак эле даярданган экен. Алдыга аппапак көлдөлөңдөр салынды эчкинин. Дасторкон жайылып биринен бири укук талашчу тамактар койулду. Арагы турду койкойуп.

Тоонун салкын жели, чакан дайранын шоокуму, нараакта кол сермесең жетчүдөй аскалар, этектей кеткен карагайлуу жылгалар, маңдайында тамак сунуп отурган аппак сулуу, баары-баары Мырзабектин дене-бойун балкытып жиберди. Адегенде көңүлсүз ичкен арагын эми эки ирет жакшы кайталады. Дене нымшыйт, делебе козголот.

- Ырдап берейинби? - Келиндин бу сөзүнө:

- Ырдап бериңизчи, - дегенди айтып бүтө электе анын укмуштуудай үнү Мырзабекти муйутуп таштады. Сөзү кайрыгына жарашкан, анан да жүрөктү мыкчып, эзип-эзип жиберчү үн экен.. . сүйүүнүн арманы, кылым карытып келаткан арманы боздоп жатты. Ага туруштук бералар бекен уккан адам, сезген жүрөк?!.

Келинге маңдайлаш отурган Мырзабек ага катарлаша отурду. Колу келиндин белине акырын оролду, ырдап жаткан келиндин обон ыргагы калтырай түшкөндөй болду, жароокер жалынган үнгө окшоп кетти.. .

***

Мырзабек менен Самат бу бандитти небактан билишет. Азыр анын бандит аты унутта калып урматтуу, кадыр-барктуу адамга айланып барат. Элдин атынан сүйлөгөн депутат. Анан калса ар-ар кимге катталган үч-төрт фирмасы, май куйуучу жайлары бар. Өзү туулуп өскөн жеринен килейген сарай сатып алып, ал жерде үч жүздөй кой, жыйырма чамалуу жылкы, кыркча уй бактырат экен. Айтор, бу депутат-бандиттин байлыгын эсептеп, саресеп салып отуруш оңойго турбайт. Анын колу канга чыланган. Ошол кандуу колу менен топтогон жанагынча дүйнөнү. Айтса, депутаттардын ичинен биринчи болуп чет элдик банкка акча салган да ушул. Азыр ал дүйнөгө карк болуп, көзүнө ойсоктогон ойношунан башка эч ким көрүнбөй, көпкөнчүлүктүн тээ бийик чокусуна чыккандай эле.. .

Бу бандит-депутат Борош, азан чакыргандагы аты - Борончу. Айылындагы тың бүлөнүн жалгыз уулу эле. Атасы өмүр бойу майда актип болуп иштегени менен айыл бойунча эң байлардын бири болчу. Агылып-чачылып мейман чакырчу эмес, жыртык өтүк менен батинке эч качан ыргытылбай жамалып-жаскалып кийилчү, аялы жаңы көйнөк кийерден жарым жыл мурун, кийгенден кийин жыл чамасында кызыл кыргын болушчу. "Ай, баягы жылы Бишкектен өз колум менен алып келип берген көйнөгүң кайда, ыя?!" - аялы көйнөккө акча сураганда. "Э кокуй, ал деген жыртылбадыбы ыя, андан бери канча өттү, ошол жылы төрөлгөн тиги Шерботонун уулу катын-балалуу болбодубу?!" - дейт аялы. "А берки чаарала гүлдүү көйнөгүңчү, Бектурсун аял алганда кийгизген?!".

"Ай жакшылык көрбөгөн каапыр, - дейт аялы туталана, - андан бери канча жыл өттү, Бектурсундун ошол биринчи аялынан туулган кызы быйыл туура үч күйөөдөн чыкпадыбы". Ошентип абышкасына аргумент калтырбаган аялы айда-жылда бир көйнөк алдырып тынат. Ал көйнөгү жыл чамалуу чыр башы, эриктирбейт экөөнү, кошуналарды да.

Ушундай бүлөдө Борош жалгыз туулду. Атасы жалгыз уулун көңүлүндө көп эркелеткени менен, обу жок чалчактатып ашык нерсе сатып бербейт. А турсун мектебине керектүүлөрдү да ичинен кан өтүп жатып алперет. Бул ата эки күндүн биринде же болбосо күндө эле мектепте. Себеп бу - Борош төрөлгөндө эптеп эки кил төрөлүп ошол бойдон арык. Балдардын баарынан таяк жейт. Үйүнө ыйлап кирет. Көчөдө жөн келет да дарбазадан кире берип аркыратат. Үнү да жаман. Анан атасы же ошол күнү, же эртеси адегенде мектепке, анан урган баланын үйүнө барат. Чаңын чыгара салат чатакты. Кийин Бороштун денсоолугу оңоло баштады. Тогузунчу класска келгенде мектеп бойунча эң олбурлуу бала болуп, мурунку тайак жеген балдардан өч ала берип хулиган да болуп кетти.. .

Мектебин айактаганда атасы түз эле зоотехниктин окуусуна отургузуп койду. Дале болсо атасы ал окууну беш жыл "окуду", экзаменине да, зачетуна да кошо чуркап.

Зоотехниктин атын алган Борош ал иште бир күн да иштеген жок. Атасы акчасын ашкере чачып, аны шаардын райкомдорунун бирине ишке орноштурду. Битин сыгып канын жалачу атасы баласынын окуусунан да, кызматынан да акча аяган жок. Ага өзү да, уулу да аябай таң калып жүрүштү.

Аз өтпөй кайра куруу дегени, ага удаа эгемендик деген эмеси келип райкому куулуп, кубулуп акимиатка айланды. Борош пайдалуу орунга жетип, жегенди атасынан алты эсе ашык үйрөндү. Шаардагы жерлерди бөлүштүрөт, үй салчу, кафе, ресторан сыяктуу түрдүү жайларды салчу. Бороштун жүрөгү тоо экен, параны ченемсиз алды. Бат эле бул акчаларды эмне кылсам деген маселе баш оорутуп турду. Ошондо, азыркы фирмаларынын, май куйуучу жайларынын пайдубалы түптөлгөн эле.

Дал ошондой убакта рэкеттер жамырап пайда болуп жер-жерлерди бөлүшүп жаткан убагы эле. Андайлардын алды Борошко келгенде баланча күнү келгиле деп алдап, ошол баланча күнү келгенде аларды, экөөнү чочубай эле өлтүртүп, сөөктөрүн шаардан беш-алты чакырымдай жердеги суу сактагычка чөктүрүп жиберди. Ошондо канга булганган үч жигити кийин анын бандасынын өзөгүн түздү.

Адегенде рэкеттерден коргонуу үчүн түзүлгөн тобу кийин өздөрү рэкетчиликке өтүп кетишти. Акчага кызыкпаган жан бар бекен. Борош, бир ирет жигиттерин дагы бир май куйуучу жайга жумшап, алардан айына акча өндүрө баштаган. Аз өтпөй Бороштун жигиттерине төлөп турчу ондогон бизнесмендер пайда болду. Ошентип жүрүп Борош шаардагы эң ири банда-топтун атасы болду. Бандадагы тартип аябагандай күчтүү эле. Башкаларга үлгү болсун үчүн Борош бир болбогон күнөөсү үчүн бир жигитин баарынын көзүнчө атып салгандан кийин андан аябай коркушчу. Бандадагы жигиттерди бири-бири менен достоштурбай ортолорунда көралбастыкты улам-улам тутантып турчу. Бүгүн бир жигитин өзүнө жакындатса, эртең анын ордун экинчи жигити ээлечү.. . Бороштун түздөн-түз буйругу менен баягы экөөнөн кийин дагы үчөө өлүм тапкан. Бирок Борош таза бойдон. Үч жигити соттолгондо да Бороштун аты далдоодо калды.

Кийин коррупционерлердин, бандиттердин көбү депутаттыкка көрсөтүлүп жатканда чыгаан "бизнесмен" катары Борош да өзүн көрсөтүп, шайланып тынды. Акырындап бандиттиги унутулуп, бизнесмен-депутаттыгы көрүнүп турду.

Мырзабек да, Самат да бу Бороштун бир айбандык, мыкаачылык ишин билишет эле. Экөө тең бу борборго келелек милийса болуп иштеп жүргөндө министрликтеги кесиптештеринен угушкан.. .

Борош зөөкүрлүгүн эркектерге гана эмес, аялдарга да жасачу.. .

***

Бир ирет Борош жаңы ачылып "жакшы экен" деп кепке алына баштаган ресторандан тамактанмай болуп эки жигити менен келди. Кай жагын карасаң да сынга толуп тургандай жай экен. Бөтөнчө узун шыйрак, кымча бел сулуу официанткалары көз ирметпейт.. .

Эки жигитине кез-кези менен кепке аралаштырган болуп Борош өздөрүн тейлеп жүргөн официант кыздан көз албайт. Көп сулууну көргөм деп жөн эле мактанып жүргөн тура, бу сулуудайды али көрелек экен. Көргүсү келсе колунда да, эми көрөт.. .

Ченеми менен ичип көнгөн Борош калыбынан жазбай орустун таза арагын ууртап-татыйт. Эки жигити да шефинин алдына чыкпай ууртаган болушат. Тамакты болсо жакшы жешти. Кетерге жакын Борош жигиттерине айтты официант кызды жаңсай: "Бүгүн мени менен болсун". Борош аз жигиттери гана билчү жашырын квартирасына келип күттү.. .

Түн ортосуна жакындап калганда эки жигити наркы-терки шалактаган кызды эки жагынан сүйрөй апкелишти. Килейген диванга отургузулган кыз көптө барып эсине келди, элеңдей эки жагын каранды. Нараактагы креслодо терең чөгүп отурган бейтаныш адамды көрүп таңкала да, чочулай да карады.

- Чочуба, - деди Борош кызга, мен сага жаман иш жасабайм, жакшыны гана жасайбыз.

Борош мылжыя жылмайды эле, анын челектей кебетеси кыз үчүн ого бетер коркунучтуу көрүндү. Бороштун бет кебетесинен анын арамзалыгы, жакшылыктан алыстыгы, ташбоордугу көрүнүп турду, анысы жылмайган кезде ого бетер дааналана түшчү.

Аңгыча бир жигит бөлмөгө кирип дивандын алдына чакан стол койуп үстүн тамакка жайнатты, коньяк-шампанын койду да экинчи кирген жок. Борош ордунан туруп кыздын катарына келип отурду. Коньяктан ачып эки рюмкага куйду, кызга сунду. Кыз алган жок. Тамактан да жебейт. Борош адегенде сыйсыпаа сүйлөп турду. Кызда үн-сөз жок. Биртоптон кийин Борош сыпааланганын сыйрып чыныгы кейпин кийди:

- Эй, жалап, сен эмне бааланасың ыя?! Мен сени эмес, сендейдин сексенин жалынткан кишимин. Сени да жалбартам, уктуңбу?

Кыз укту, бирок "уктум" деп айтпады, айталбады. Өмүрүндө мындай оройлукту, зөөкүрдүктү угуп-көргөн эмес. Жүрөгү түштү. Тили байланды, денеси калтырады.

- Ме, ич! - Борош рюмканы алып кыздын оозуна такады.

Кыз жуткан болду. Борош дагы бирди куйуп кызды зордоп ичирди. Ушул тапта кыз куурчак эле.. . Аздан соң Борош эмне болуп жатканын билип-билбеген кызды баса жыгылды.. . Эзиле элек кыз эзилди, зөөкүрдүн зөөкүрүнөн. Эч ким жардамга келген жок, чаңырган үн үйдөн чыга алган жок.. .

Ошондон үч-төрт сааттан кийин Борош душка түшүп чыкты. Кыз бүрүшө диванда отурат эле. Борош киргенде жинди болгондой айтты:

- Сотко берем.. .

- Эмне-е?! - Борош таң калды. - Эй жалап, кайталасаң?!

- Сотко берем.

Борош азга үнсүз турду да, заардуу жылмайа сүйлөдү:

- Эй, сучка, сотко бу жерден тирүү кетсең бересиң, а тирүү кетпесеңчи?!

Кыз дагы кайталады:

- Сотко берем.. .

Борош башка бөлмөдө буйрук күтүп отурган экөөнү чакырып:

- Бу силердики, - деп кызды көрсөттү да, кошумчалай айтты: - Аман кетсем сотко берем дейт.

Эки жигити эч нерсе айтпастан кызды колдон-буттан алып көтөрүп кетишти.. .

Кыздын сөөгү эртеси шаардан беш-алты чакырымдай жердеги жай аккан өзөндөн табылды. Балык кармоого барган бир пенсионер орус чалдын кайырмагына илиниптир.. .

Кыз атасы жок өскөн болчу. Энеси ушул кызын төрөгөндө күйөөсү менен ажырашып кеткен, аңдан бери күйөөгө чыккан эмес.

Кызын жанындай көрүп өмүрүн ошого арнагандай эле. Кызы университетти сырттан окучу, энеси кой десе болбой жаңы ачылган ресторанга официантка болуп конкурс менен өткөн. Айлыгы да дурус эле.

Кыздын атасы башка аял алып кеткен. Айда-жылда кызын бир көрбөсө анча деле үзүлүп түшчү эмес. Аздап акчадан кайрылып турчу. Ички иштер министрлигинде бул орточо кызмат ээлеп турчу полковник атасы кызынын киши колдуу болуп өлгөнүн угуп дароо министрге кирди. Министр болсо тиешелүү. кызматтардын бардыгын чогултуп кайдандыр болбосун кызды өлтүргөндөрдү табууга катуу буйрук берди.

***

Ошондон бир ай чамасы өткөндө Бороштун эки жигити камакка алынды. Алардын бири өпкөгө бир ирет жегенде эле болгонун болгондой кылып айтып салды. Экинчи жигит эч нерсени мойнуна албады. Борош да суралып турду. Бирок тереңдеп кеткен жок ал суралышы. Аз өтпөй Акүй тараптан министрге телефон чалынып, андан кийин кабинетке чакырылып айтылды - "Борошту жаман ишке аралаштырбаш керек" экен. Анын эки жигити он беш жылдан кесилип кетти. Бири "Эгер аман-эсен чыксам Бороштун канын ичем" деп ачык айтып кетти. Жыл айланбай ал түрмөнүн ооруканасынан каза тапты, жүрөгү "начар" тура.. .

Борош дагы бир кыздын өлүмүнө себепкер болгон. Ал зордуктаган жаңы эле он сегизге толгон сулуу кыз зордукталгандан кийин үйүнө жетип, баарын жазып туруп бешинчи кабаттан бой таштап өлдү. Өлгөндүн өз шору болду, Борош суралган да жок. Катта аты айтылган эмес.. . кыз билбейт эле. Бирок зордуктаган неме Борош экенин тергөөчү дароо эле түшүнгөн.. . эски "Жигулисин" "Аудиге" алмаштырып тынды ал тергөөчү.

Биринчи өлгөн кыздын милийса атасынын айласы кетти. Министриңдин да Бороштун жазасын колуна берүүгө дарамети жетпесин жакшы түшүнгөн неме далай даярдыктан кийин Борошко өзү кол салды - атканы тийгени менен ал тирүү калган. Ким атканы аз өтпөй Борошторго да, милийсага да дайын болгон. Бирок эки жактан тең билмексенге салышкан. "Экинчи бирөөнү атпай жүр" деген кагаз алган полковник ошол бойдон дымыды.. .

Ал күйүттүү полковник Мырзабек менен дурус мамиледе эле. Кызынын күйүтүн көздөн жаш ага айтып берген.. .

Мырзабек менен Самат кезектешип Бороштун барган-келген жерлерине он күн чамасында байкоо салышты. Ошол кезде Бороштун көңүлү көтөрүңкү эле. Аз күндө депутаттар жайкы каникулга чыгат. Таанышканы аз эле болгон дагы бир жаш чүрөктү ээрчитип бир катар Европа өлкөлөрүнүн курортторунда бир жумадан эс алат. Акчадан башка менен эгерим иши жок доңуздай аялы Американы кыдырам деп кеткен.

Борош акыркы күндөрү сессияда эргип дурус сүйлөдү. Ага өзү да ыраазы. Каникулдан келгенден кийин активдүүлүгүн дагы күчөтөт. Элге президент сыяктуу эле белгилүү болуш керек, андан эмнеси кем.. . Бороштун ойу эми оголе терең кетти. Президент болсо эмне экен.. . Үйүнө ошол ой менен келди, баягы жашырын деген үйүнө. Жашырын болгону менен ал үйдү кийин милийса да, башка бир топ бандиттер да билип алган.

Борош бүгүн ушул жерде чүрөгү менен көңүл ачат.

Чүрөгүн апкелчү убакка чейин эки сааттай убакыт бар, жигиттери салып келет. Борош ага чейин ваннага түшүп анан эс алат.

Бир жигити алдыга баштай басып эшик ачты, экинчи жигити артта. Борош үйгө кирип дароо эле ваннага кирмей болуп чечинди. Жигиттердин бири кетти, анан чүрөгүн апкелет. Экинчи жигити ашканага кетти. Ваннадан чыкканда Борошуң тамакты жакшы жечү. Жигит муздаткычты ачып шефине эмне тамак бермегин ойлонуп жатты эле, төбөгө жеген неме ошол жерге оңколоду. Эч кандай үн чыккан жок кокуйлаган, эстен танды. Мырзабек менен Самат небак эле үйдө болчу да. Эшикти Самат алеки саатта ачкан эмеспи.

Борош ваннада жатат эле. Ойу да, денеси да көшүлүп, көзү жумулуу болчу. Кирген адамдын дабышын сезди. Көзүн ачкан жок. Оройлонду:

- Эмне?!

- Темене?!

Борош шарт баш көтөрдү. Дал маңдайында экөө турат. Өзүнүн жаны үчүн келгенин дароо түшүндү. Ордунан атып турмакчы болду эле, Самат аны мойундан капшыра кармап ылдый ныгырды. Борош айласыз тынчып берди. Өлүм даана келди көз алдына, денесин майда калтырак басты. Көзү тумандай берди.

- Сууну агыз! - деди Самат буйуруп.

Борош ваннанын суусун агызды. Дырдай жылаңач денеси бүрүшө түштү.

- Эки кыздын арбагы келди беле, ыя айбан?!

Бул сөздү Мырзабек айтты.

Борош үн каткан жок.

- Кыздын арбактары келди беле дейм?! - Мырзабек тапанчасынын сабы менен Борошту төбөгө бир салды эле, тийген жерден кан сыбызгып башы шалк этти. Аздан соң эсине келди Борош.

- Бүт дүйнөмдү алгыла, өлтүрбөгүлө, - деди Борош, - баарын алгыла, баарын.. .

- Канча дүнүйөң бар? - деди Мырзабек.

- Экөөңө тең кеңири жетет.. .

- Кеңири болгондо канча, эй эшек, даана айтпайсыңбы?

- Миллион.. . доллар.. .

- Ошол элеби?

- Дагы үйлөр, машиналар, мал.. .

- Жетпейт.

Мырзабектин бу сөзү Бороштун амалын түгөттү. Эмне деп жансоога издерди билбейт.

- Эки кызды тирилтсең соо каласың, дүнүйөң да калат. Макулсуңбу? - деп Мырзабек калптан сурап турду.

- Кантип тирилтем? - Борош ушинтти жаш баладай бышактай.

- Кантип өлтүрдүң эле?! - Мырзабек глушителдүү тапанча менен Борошту табарсыкка басты. Бир эмес, көп жолу, огу түгөнгөнчө басты. Ич менен табарсыктан тамтык калбады. Ваннанын ичи кызылжаян, Бороштун жаны чыкпай буту тыбырчылайт, колдору тамтыгы чыккан табарсык тарапта.. . табарсык да бүттү, кыздар да бүттү, жашоо да бүттү.. .

Үйдүн эшиги бекилип Мырзабек менен Самат экөө эки жакка житип жоголушту.. .

Ошондон бир сааттан ашыгыраак убакта баягы сулууга кеткен жигит келди анысын ээрчитип. Жигиттин да көңүлү ток. Анткени шефине чүрөгүн тапшырып койуп, өз чүрөгүнө кетет. Бүгүн бошоткон эс ал деп. Анын үстүнө шефи толтура акча берген сому, доллары менен.. .

Жигит коңгуроо басты, жооп жок. Дагы басты. Жок. Он мүнөттөй турду, кайра-кайра шыңгыратып, тымтырс. Шефинин сотовыйына чалды, жооп жок. Эшикти талкалап кирейин дейт, айла жок, эшик брондолгон. Бороштун оңколу өңдөнүп жүргөн Штангист деп койчу жигит бар эле, ага чалды.

Он мүнөт өтпөй Штангист келди эки жигиттин коштоосунда. Болгон ишти угуп, эшикти талкалоого буйрук берди. Бат эле кайдан-жайдан барскан-балталарын көтөргөн эңгезердей эки орусту алып келишти. Ана эмесе көрүп ал, эшикти талкалап киришти. Ошол этажда жашаган бир еврей кемпир бар эле, эшигинин тешигинен окуяны көрүп милийсага чалды "бандиттер кошунанын эшигин талкалап жатат" деп. Аз өтпөй милийса келди, опергруппа. Маселени угушуп күтүп турушту.

Жарым саат дегенде араң ачылды, брондолгон эшик. Ашканада башынан жаракат алган жигитти, анан көзүң жамандыкты көрбөсүн, ваннада канга чыланган Борош депутаттын өлүгүн табышты.. .

Борош дүңгүрөтө койулду. Аза күтүү митингинде далай чоңдор анын "мыктылыгын, эли үчүн

күйүмдүүлүгүн, чынчылдыгын,

мындай адамдар аз эле жараларын, депутаттар корпусу эңшериле түшкөнүн" заркакшап айтып турушту. Ошол айткандар да, уккандардын көбү да Бороштун айбан экенин, кызылдай бандит экенин билишчү, кайдан айтмак. "Жоголгон бычактын сабы алтын", өлгөн адам айкөл, мыкты - жамандыгын өлүмү жууп кетет эмеспи.. . ушундай бир жазылбаган закон адамдарда, бөтөнчө кыргыз болуп жаралгандарда.. .

Бороштун кырк күндүгү берилип жаткан күнү эл көп окуган гезиттердин бирине ал жөнүндө эки бет толтура материал чыкты. Бороштун бандиттигин, кой терисин жамынган карышкыр экенин жакшынакай көрсөтүптүр. Анын буйругу менен кызды өлтүрүп түрмөдө жаткан эки жигитинин биринин сөзү да жүрөт. Экинчиси өлгөн. Бул макала коомчулук үчүн жарылган бомбадан кем болбоду көрүнөт. Макалага жакшы төлөп, көп нерсени айтып берип жаздырган - өлгөн кыздын полковник атасы.. .

***

Мырзабек менен Самат өлүм апкелгендерин бир күнү болбосо бир күнү сөзсүз токтотушу керек. Ар иштин аягы болот, жашоонун бүтөр күнү бар. Бирок качан? Азырынча алар ал ишти токтото алышпайт, адамдардын айбандыгы күндөн күнгө өсүп барат. Адамды койчо мууздагандар, бирөөнүн өлүмү менен акча тапкандар, кыз-келиндерди каалагандай кордогондор.. . Баса, кыз-келиндерден да укмуштуу окуялар чубалып жатат. Алардан да көбөйдү айбандары, мастандары. Ошондойлордун бири жөнүндө Мырзабек эски таанышы милийсадан, анан да бир пенсионерден жакшы укту. Бу пенсионер ошол келинден көргүлүктү көрүптүр да. Сөз ырааты менен болсун.. .

Бу келинди Мырзабек күндө болбосо да күн аттап көрөт. Бул жерге көз тайгылтчу "Аудисин" койот, анан да кызы бар "Мерседесин" койчу. Экөө тең карек талытчу сулуулардан. Эне, кыз болуп биринен бири өткөн сулуулар, периште бери дегенде. Бирок алар жөнүндө аныгын укканга чейин гана сулуулугу көрүнөт. Ал эми баскан -тургандарын уккандан кийин сулуулар мастанга айланат.

Ошентип бул Сайкал аттуу келин көп балалуу бүлөдө өскөн. Ата-энеси же оокаттын ыгын билбеген же кепти келиштире албаган жүдөмүштөр эле.

Төрөлгөндөн баштап Сайкалдын курсагы ашка тойбоду, кийимге жарыбады. Жокко айла жок. Кыз башы менен жутунуп тамак уурдаганга өттү. Энесинин тайагын тайак дебеди, улуу агаларынын соккусун да тоотпойт. Калпты чындай соктурат. Кээде бирөө кайсы бир кылыгы үчүн какыскукус кылса "эси ооп" калат, оозунан шилекейи куйулуп, жүрөктү түшүрөт. Ал эми кээде этинен эт кессе да бир кың деп койбой мистейип, мелтейип туруп берет. Ошентип өстү Сайкал. Баса ал аты койулганда бир ирет айтылып ошол бойдон айтылбады, "Сакишке" айланган түбөлүк.

Анткен менен өңдүү-түстүү болуп өскөн неменин артынан көп эркек ээрчиди. Чын сүйүп да ээрчиди, эрмек кылмакка да ээрчиди. Бара-бара бу маселеде Сакиш алдына аял салбачу абалга жетти, өтө куу болду. Нечен бир азамат жигиттер артында калды, өпкө-жүрөктөрүн, боор-соорлорун арнаган бойунча. Ошол эркектердин жардамы менен университетти бүттү, эсеп-кысап жагын. Ошол окуусун бүтүп жаткан күндөрү артынан жүргөн толгон жигиттин бирине чыкты. А жигит өмүр бойу жетекчи болуп иштеген неменин көпкөн уулу экен, бат эле тили менен колун тийгизди. Анын энеси колунда жокторду адам санында эсептебеген неме эле. Сакиштин турмуштарын көрүп келинин биротоло чанды, адам эсебинен чыгарып таштады. Жыл айланбай Сакишти кетирип тынышты. Дагы үч ай өткөндө Сакиш кыз төрөдү.. .

Ошол убакта Сакиш аябай кыйналды. Ижарада турат, эмчекте кызы. Эч жерден жардамы жок. Ачкадан өлгөн убак небак өткөн эмеспи, эптеп күндөр өттү. Эркектерден аздап жардам алды. Анан кызы чоңойуп бала бакчага баргандан баштап Сакиш иштей баштады. Дале болсо сулуулугу жардамга келди. Ошол орношкон фирманын кожойунунун чүрөгү болду. Жыл айланбай эки бөлмөлүү квартирага ээ болду. Кожойуну менен байланышы узакка созулган жок, башка бир жигитке азгырылып бир күнү аны колтуктай ресторанга кирип баратканын көргөн кожойуну Сакишти эртеси ишинен да, койнунан да кууп чыкты.

Сакиштин жаңы жигити да оңой эмес бизнесмен окшоду. Акчасын чачат. Аз өтпөй ал Сакишти адегендегидей көрбөй башкага кете турган баштанып калган. Эки бөлмөлүү үйүн төрт бөлмөлүү кылам, машине алперем дегенин да унутту. Ошондо Сакишке сонун ой келди. Өзү каалап алып бербесе, айласыз алперет.. .

Жигити ушул акыркы келгеним деп өз ичинде ойлонуп келгенин Сакиш билген, мурун эле даярданган. Адегенде бири-бирине эркелешкен болуп төшөктө бир сааттай убакыт өткөрүп, анан ашканадан кофе ичишти. Андан соң жигит кетти шашылыш иши бар экенин айтып.

Ал кеткенден кийин Сакиш эки капталын ойо чымчып, кызартты, эмчеккабын чала-була айрыды, турсийине жанагы жигитиникин аябай жугузган. Ушуларды гезитке ороп үйүнөн анча алыс эмес жердеги милийсага берди, "чалатаанышы зордуктап кеткенин" айтып. Жана чымчыганда кызарган жерлери көктартып калыптыр - аны көрсөттү, ич кийимдерин жайды, эксперттен өткөргүлө деп, келиштире арызын жазды. Мындай чечкиндүү, уялбаган сулууну арыз алган дежурный капитандын биринчи көрүшү, жандан түңүлүп, аны жек көрүп турду. Бирок айла жок, арызды алыш керек.

***

Эртеси жигит офисинде отурат эле, опергруппа айбуйга келтирбей салып кетти. Милийсаканага апкелип Сакиштин арызын окутушканда жигит жандан түңүлдү. Баары калп дегенде кечээги капитан орой айтты:

- Спермаңды тана албассың!

Жигиттин оозунан сөз түштү. Анан ошол эле жерден капитан менен тил табыша кетти. Ал: "Эгерде тиги катын менен тил табышып арызын алдырсаң иш оңой эле бүтөт" деди.

Жигит сүйүндү. Балээ болуп "катын зордуктаганы" элге угулса, андан көрө өлүп калганы оң. Бөтөнчө жаш колуктусу менен анын эне-атасы, өзүнүн эне-атасы укса анда жашап кереги жок. Тиги шүмшүктү көндүрүш керек. Акча десе жантыгынан жата калчу немени ошол акча менен бат эле эпке келтирбейби. Маселе канча акча менен келтириште.. .

Ошол эле күнү Сакиш менен жигиттин ортосунда соода жүрдү, соода деле эмес, жигит Сакиштин баасына дароо көндү. Анда бар болчу.

Ошентип Сакиш "зордукталганы" үчүн төрт бөлмөлүү үй, анан да машинасын алды.. .

Сакиш ошол биринчи ирет "зордукталгандан" кийин дагы үч жолу "зордукталды". Алардын жыйынтыгында шаардын эки жеринде эки дүкөнү, бир чакан кафеси ишке киришти.. . Эркектерди чекеден чертти. Кепке келбеген бирин соттотуп да жиберди.

Жылдар өттү. Сакиштин баягы кызы бой тартты. Он жети жашында Көлгө эс алганы кетип, кыз атынан өз каалоосу менен айрылып келди. Энеси аны дароо сезди, билди. Бирок болору болгон нерсени козгоп не, урушкан жок. Ушул кызын бир чоңдун, болбосо мен деген бизнесмендин баласына алып берсем деген ойу кайта түшкөндөй болду. Анан кайра демденип койду: "Азыр ким эле кыз барыбатыптыр.. . "

Бу кезде Сакиштин байлыгы ашып-ташып бараткан. Кийинки жылдары ал колунда жокторго, ооба, атайын колунда жокторго процентке акча берет, проценти көп эмес. Алардын төлөй албасын билет. Аз өтпөй процент өсөт, тиги неме бир, эки бөлмөлүү үйүн Сакишке берип тынат. Ошондойдон ондон ашыкты жасады. Алар жакшы сатылып турду. Жетишпеген эне-атасына жакшы кайрылышты. Аларды кой, деле өмүр бойу барчылыкта, кадыр-баркта жашагандай каада күтүбатышпайбы, кудай бетин салбасын. Түшүнгөндөр күлүп, түшүнбөгөндөр суктанып жүрдү.. .

Ошентип Сакиштин кызы көлдөн кыз болбой келгенден кийин бу өтө куу шайтан аял жаңы теракт баштады. Эми кызын "зордуктатып" турмай болду. Акчанын кумарына ойда баткан эле, анын бийлигинде калган эле, ачкөздүгү ашып-ташып турган эле.. .

Ошол убакта кызы суйкайган сулуу эле энесинен өтүп турган. Сакишке келген эркектер кызын көбүрөөк карап, каапыр карабашыңды жеген немелер "кызымдай эмеспи" дегенди ойлонбой кумар артышат.

Ушундай күндөрдүн биринде үйүндө бир татына жигит пайда болду. Акүйдө бир бөлүмгө орунбасар болуп иштейт экен. Жашы отуз бештерде. Кызын сүйүп калыптыр, көлдөн таанышкан экен. Ал жигит эки-үч жолу келгенден кийин Сакиш ал жөнүндө толук билгендей болду. Жигиттин атасы пенсия жашында болсо да бир барандуу кызматта иштейт экен. Опсуз акча тапчу чоң фирмасы, Бишкек, Каракол, Токмок, Балыкчы шаарларында бирден май куйуучу жайы, Чолпонатада килейген пансионаты бар экен. Жигиттин жашырбай айткандары ушул болду. Дагынкысы дагы барда.. .

Жигит эки балалуу экен. Сакиштин кызына түз эле айтыптыр: "Мен сени албайм, жардам берип жүрөм" деп.

Бир ирет ал жигит Аселге -Сакиштин кызынын аты ушундай - бир арзан эле шакек сатып бериптир. Анан Асел менен келип Сакиш үчөө чай үстүндө отурганда ошол шакек жөнүндө айтып түгөтө албайт, "кооздугун, Аселдин колуна укмуш жарашарын, мурун эле алперем" деп жүргөнүн толгон сөзгө кошуп божурайт. Мындай караганда колунда бар адамга кыкка турбагандай немени баса-баса белгилеп, кайра-кайра айтканы Сакиштин жинин келтирди, ичинен каарып отурду: "Ии өлүгүңдү көрөйүн, жашжалап, мындай шакектерди биз колго эмес көткө салбайбыз" деп. Анан дагы ойлоду: "Бокко жарабаган шакекти алпергениңе мактана тур, каныңды тирилей соробуз".

Ошол эле күнү кечте Сакиш кызы менен план түзүп турушту.

Көп өтпөй Акүйдүн жаш чиновниги шаардык прокуратурада сурак берүүгө чакыртылды. Адегенде тоотпой жатты эле прокуратуранын бир тергөөчүсү "иш жаман" экенин дурус түшүндүргөн соң, ошол эле күнү Аселдин алдынан өтүүгө туура келди. Алдынан өтүү оңойго турбады, араң дегенде Сакиш менен кызын он миң долларга көндүрдү, анан да "мен сени экинчи жолу зордуктабайм" деген тил кат жаздырып, кол койдуруп алды Сакиштин кызы. Ошентип, "кокус сүйүүгө" кабылган бул жаш чиновник капканга жакшы түштү. Али биротоло бошотулган жок.

***

Ошондон соң Асел да туура беш жолу "зордукталды". Бешинчисин өмүр бойу министр болуп иштеп жүргөн бир чал жасап, элүү миң долларга "абийири жабылды". Зордуктабаганына ишендиргиси келген бир бизнесмен жигиттин абийири да кетти, жети жылга соттолуп да кетти, он миң долларын айаганын кара.

Ошентип, бу кыз-эне биринин акчасын сорсо, бирин үйүнөн ажыратты, үчүнчүсүн соттотуп тынышты.. . Айтор, адамдыгынан небак танып жезкемпирби же мастанбы, бир балээге айланышты. Мындай ойлоп көрсөң алардын жашоого акысы жок эле.

Мырзабек да, Самат да алардын тарыхын дурус угушту да, Сакишке "өлүм апкелмей" болушту. Кызы жүрө берсин. Жалаң жамандык кууп жашаган неме баары бир көрөрү бар жамандыкты.

***

"Мен сага өлүм апкелем" дегенди Сакиш машинасын койуп үйүнө кетип бараткан жолдо бир тамтыгы кеткен алкаштан алды.

Кагазды окуп жиберип алкаштан сурады:

- Муну ким берди?

- Кимсиң деп сураган жокмун, мага анын ким экенинин кереги жок, мага акчасы керек. -Алкаш сүйрөлө басып кете берди.

Сакиш бул кагаздын сырын билбесе да ойлонуп келди үйгө чейин. Анан үйүнө келип эле бир оңой эмес милийса начальнигине чалды. Ал "өлүм апкелемдин" сырын билчү. Аялдын жүрөгүн түшүргүсү келген жок, "бир келесоонун тамашасы болсо керек" деп койду. "Тамаша" үч-төрт күндөн кийин башталды.. .

Сакиштин төрт бөлмө квартирасы үчүнчү кабатта жанагы евроремонт дегенден дурус өткөн. Эки катар эшиги брондолгон. Үчүнчү кабат болсо да терезе-балкондору темир менен тордолгон. Өзү уктоочу бөлмөдө код менен ачылчу чет элдик сейф бар, бүткүл акчасын: сомун, долларын, рублин, айсайын эле ала берчү алтын буйумдарын ошого катат. Долларынан эле жүз миңдей бар.. .

Бир маалда кызы келди кайдандыр. Экөө аздап сүйлөшүп чай ичилип жатканда Сакиш жанагы кагазды кызына сунду:

- Момуну окусаң.. .

Кыз окуп эле бир кыйкырып алды:

- Өлдү-үк! Мама, өлгөн турбайбызбы! - Кыз ордунан чуркай эшиктин бегин текшерип келди, экинчи эшикти да бекитти.

- Эй, сага эмне болду, ыя?! - Сакиштин оозу ачылды кызынын жоругуна.

- Эмне болду дейт, бизди өлтүрүшөт.

- Кимдер өлтүрөт экен?!

- Кимдер экенин айтмак беле. Ушундай кагаз жиберип өлтүргөн банда бар экен, эч ким кармай албай жүрөт экен. Көлдөн уккам.

Асел көлдөн бир милийса менен таанышып өзүн арнаган, аябай ынтымактуу жүрүштү, сүйүшө да кеткен. Мына ошол милийса "өлүм апкелемдин" сырын жакшы, ишенимдүү кылып айтып берген. Өлгөндөрдүн көбүнүн кимдер экенине чейин айткан. Сакиш эми гана корко баштады. Жанагы барандуу милийсага кайра чалды, "бу коркунучтуу кагаз турбайбы" деп, сактап берчүсүн суранды, аздан жалына тиги неме эптеп-септеп кутулду окшойт. Энеси да, кызы да мына-мына бандиттер кирип келип мууздап, же атып кетчүдөй элеңдешет. Ошол түнү экөөндө эмненин уйкусу болсун.

Бу эне менен кызы иштешчү эмес. Кызы бир университетте сырттан окуйт. Экөө тең үч күн үйдөн чыгышкан жок. Муздаткычта тамактар түгөнө жаздаганда Сакиш элеңдей барып дүкөндөн бирдеме апкелген болот. Эртеси кызы бирөөнү телефон менен чакырып, ошонусу менен кетти. Анын эртеси Сакиш чыкты үйүнөн бир иш менен. Бара-бара коркунуч кайтып, бейпил күндөрү келгендей болду. Коркутуп жазган "зордуктагандардын" бири болуш керек, ошентип өч албайбы.. .

- Келиңиз, - деди Самат залга кирип келген Сакиштин жүрөгүн түшүрө.

Аял артка чегинип качмакчы болду эле, Мырзабек алдын тосту:

- Качпаңыз, төргө өтүңүз.

Сакишти өз үйүндө тосуп алган эки жигит маскачан эле. Биринин колунда тапанча жүрөт. Аны көргөн Сакиш эч нерсени ойлой албай калды. Буттары чалыштап эптеп барып диванга отурду.

- Сени баш-аягы канча киши зордуктаган? - деди колунда тапанчасы бар неме.

- Билбейм.. .

- Эстечи?! - үн коркунучтуу чыкты. Тапанчанын муздак оозу чекеге такалды.

***

Мурда кийин тапанча чекеге такалып көрүпбү - Сакиштин жүрөгү оозуна тыгылды. Кимдер зордуктаганын эстемек тургай, өз атын унута жаздады. Денеси калтырап, үй ичи да, жанында сурап турган маскачан неме да дааналанбай, үрүл-бүрүл.

- Эй, сенден сурап жатпайымбы, канча киши зордуктады эле? - деди маскачан дале жүрөктү түшүрө.

Сакиште үн-сөз жок. Азыр эч нерсе айталбайт эле. Оозун ачып, үн чыгарууга кудуретсиз эле.

Маскачан эми суроосун кайталабай, бир топко аялды тиктеп турду. Ичинде жийиркенип да кетти көрүнөт. Анан айтты:

- Эй, болуптур, зордуктаганды санабасаң санаба, алардан тапкан акчаларың кайда, ыя?

Сакиш аздап эсине келип, тигинин сураганына жооп берди:

- Үйдө эле.. .

- Үйдө болгондо кайда?!!

Сакиш бурч жакты көрсөтө баш ийкеди. Маскачандардын экөө тең ошол телевизор турган бурч жакка басып, анан катарында кооз кездеме менен жабылып, үстүндөгү хрусталь вазага салынган гүлү бар сейфти көрүштү. Бири сурады:

- Мунун ачкычы кайда?

Сакиш өйдө болуп стенканын бир суурмасынан топ ачкычты алып, тигиге сунду. Сейф ачылды. Кудай бетин салбасын, эки көздөн турган сейфтин ичи толо акча экен: доллар, сом, рубль, а турсун казактын теңгеси да жүрөт тутам-тутам болуп. Маскачандын бири ал акчаларды тутамдай апкелип, Сакиштин алдына таштады. Сакиш ачкычты алып бергенден кийин дивандын жанына барып, отурбай эле туруп турган. Акча дал бутунун жанына ташталды, сейфтеги болгон акчалардын бардыгы ошол жерден орун алды.

- Кана, өз колуң мененби же эмнең мененби тапкан акчаларыңды тытчы!

Сакиш делдейди. Тиги маскачан эми үнүн катуурак чыгарып, буйура айтты: -Эй, тыт деп жатам сени, эмне уккан жоксуңбу? Же мобуга айттырайынбы, - деп тапанча кезеди эле, Сакиште кайдан жан калсын, юбкасын түрө салып, чөгөлөп, тутам акчалардан бирин сууруп, тыткан болду. Кыргыздын миң сомдугу эле. Маскачан дагы кыйкырды:

- Эй шуркуя, андай тытпайт, тобу менен тыт!

Сакиш пачкадан бир тутамдан кармап, колу барып барбай, тытып тыталбай жинди болуп атты. Эми маскачандын жанатан бери үн катпай турганы аялга жанаша малдаш токунуп отуруп, тутам-тутам акчаларды майдалай, майдалай тытып, аялдын башына чача берди. Сакиштин колу да акча тытып атты. Аны менен кошо жаны суурулуп, жүрөгү канап, тирүү адам көргүс, чыдагыс кыйноо тартып атты.. .

Жарым саат тытылды акча, ашыра айтканда ошол тытындылар тоодой үйүлдү.

- Эми буларды өрттөш керек, - деди акча тытышкан маскачан, -бар. чараң барбы, апкелчи!

Сакиш теңселе басып ашканадан сүрөттүү кызыл чара көтөрүп келди. Тытылган акчаларды салса туптуура бир чара чокчо болду.

- Кана өрттө, - деди маскачан Сакишке ширеңке сунуп.

Аял ширеңкени алып, чакты да, акчанын үстүнө таштады. Акча күйгөн жок.

- Сен акча өрттөгөндү билбейт турбайсыңбы, билбесең үйрөнүп ал. - Маскачан ордунан туруп, китеп салган шкафтан бир китепти алып келип, барактарын жулуп-жулуп, ушалады да, ширеңке тартты. Кагаз жалындай күйдү, ошондо маскачан чарадагы тытылган акчадан тутамдап себелей баштады. Эми акча кагаз менен кошо жалындай күйдү. Паркет пол кошо түтөдү. Дал ушул учурда эшиктин коңгуроосу шыңгырады, маскачандын бири эшиктин көзүнөн карап, Сакиштин кызы келгенин көрдү. Өзү жалгыз экен. Эшикти ачып, кызды үйгө киргизди. Чоочунду, болгондо да маскачан немени көргөн кыздын көзү алайып, жүрөгү оозуна тыгылды.

- Кел, келегой, төргө өт, - деген маскачан кызды колтуктай апкелип, шору кайнап отурган Сакиштин жанына отургузду, -мамаңа жардам бер.

Кыз эмне жардам экенин дароо түшүндү. Бирок эч кыймыл жасаган жок. Отурган орунда катты.

***

Эс тартканы эч нерседен куру болбой, энесинин эби менен, эси менен калыптанган бу жойпу кыз биринчи жолу өлүмдүн жакындыгын сезди, өлүмгө жанаша турду.

- Сени канча жигит зордуктаган?! - деди маскачандын бири.

- Зордуктабай эле.. . - Кыз сөзүн уланта албайт, муун-жүүн небак бошогон, дененин калтыраганы гана сезилет.

- Зордуктабаса, анан эмне сотко берип жүрөсүң ыя?! - Бу жолу маскачандын үнү өтө каардуу чыкты.

Кыздын жүрөгү оозуна кептелди:

- Мамам.. . болбой..

- Эмне, жаздырып жүрдү беле?!

- Ии.. . - кыз өлөйүн деп үлбүрөйт.

Сакиштин жаны небак "чыккан". Кызына акаарат айталбайт.

Кыз тытылып, акырындан өрттөлүп жаткан акчаларды карап, анан калтырай айтып жатпайбы:

- Тиякта да бар, акча.. .

- Каякта?

- Тиякта. - Кыз бир бөлмөнүн эшигин көрсөттү.

Маскачан заңк этти:

- Бар апкел!

Кыз уча жөнөдү. "Тиякта да бар, акча" дегени жансоога издегени. Эпадам ошентип жашырбай өзүм айтып берсем тирүү калтырышат дегени го.. .

Кыз уктоочу бөлмөгө кирип жерге салынган килемдин диван-кроваттын астына төшөлгөн жеринен ачкыч алып чыгып сейфти ачты. Бул жерде да оңбогондой көп акча бар экен, түрдүү элдин. Доллары басымдуу.

Кыз эки ирет ташыды акчаларды. Анан маскачандардын буйругу менен акча майдалаганга отурду.. . Сакиш да, кызы да акча тытып отуруп бир нерсеге мээлери жетпейт: ушунча акчаны тыттырбай эле алып кетишпейби, накта келесоо экен бу экөө. Өлүм башына келибатса да акчаны ойлонуп жанкечтиленет бу аялдарың.

Акча тытылып, өрттөлүп да бүттү. Ал өрттөлгөн паркет полдун абийири кете түтөдү. Эми эки маскачан баягысын баштады: балкаларды колго алып кымбат хрусталь, фарфор, идиштерди четинен талкалашты. Эки аялга да талкалатышты. Дале болсо килем-пилемдер тилинди, мыкты кийимдер кескиленди. Баары бүттү. Ошондо маскачандар энеси менен кызынын турсийлерин гана калтырып, дырдай чечинтти. Ооздорун, көздөрүн скотч менен жакшылап чаптап, ала келген эки бөтөлкөдөгү бир суйуктукту экөөнө чачты. Балыктай туйлашты. Эттери тирилей күйүп жатат. Чачылган кислота эле. Маскачандар эшикти бекитпестен кете беришти. Экөө жанталаша бири-бирине жакындап, бирине бири далысын салып колдорун чечишти, ооздорундагы скотчторду сыйрып чаңырып-чаңырып алышты. Жандын ушунча кыйналарын билишпептир, жандары тирилей суурулуп турду. Милийсага эмес, тез жардамга эптеп телефон чалышты. Жарым саат өтпөй догдурлар келип экөөнү салып кетти, милийсага билдиришти.

Эми ал экөөнүн азаптуу күндөрү башталды. Милийсалар алардын арман-арыздарын угуп боор тарткан болгону менен ичтеринен "сооп болот!" деп табалап турушту. Анткени, алар бул экөөнүн "байма-бай зордуктала берген" тарыхын небактан угушуптур да.. . Экөө бир ай дегенде айыгып чыгышты. Бирөө бети менен эти адам тике карагыс кара түрмө, күйүк эле. Беттеги тырыкты операция жасаса болот дейт, бирок анысы жүрөк түшүргөн сумма экен. Акчалар тытылган, "зордукталып" тутам-тутам акча тапчу жол да буулган, эми аларды ким карайт, өңдөрү жомоктогу желмогуздукундай болсо.. Экөө тең муунуп өлөбүз дешти бир-эки ирет, бирок муунуп өлүү жан кыйуу оголе оор экен. Андан көрө адам чочуткан, жийиркенткен өң менен жашоо керек экен.. .

***

Булар жөнүндө кыргызда билиш керек дегендин баары билчү немелер эле. Бул бандиттердин тобу уйгур менен орустардан түзүлгөн. Аларды бир бүтүн кылып тыкыйта кармап, темирдей тартип орноткон жана да мыкаачынын мыкаачысы Керимакун деген неме эле. Акун деп айтылчу. Бул топто анча көп киши жок эле, болгону үч уйгур, төрт орус болчу. Болгондо да жалаң баш кесерлерденби, же мыкаачыларданбы топтолгондой болчу. Ошол жетөөнүн бири калбай эки-үчтөн отуруп келген. Акун болсо жети жылдан эки ирет кесилип, баш-аягы беш жылдан аз өтө отурган. Эки ирет тең акчанын күчү туберкулез деген оору "таап берип" бошонуп чыкты. Бу бандит Акундун тарыхынан аздап чубап кепти анан улабаса, ал жөнүндөгү байан толук болбостур.. .

Акун Кытайдагы уйгурлардан. Ошол жакта туулган. Мектепти бүткөндөн кийин Бээжинге барып бир институтка өтүп, жыл айланбай кайра келген окубай. Кашкардан шоопурга үйрөнүп машийне айдап жүрүп уйгурларды боштондукка чыгаруу кыймылына мүчө болуп кирген. Аз өтпөй алты ай түрмөгө жатып да чыкты. Эми Кытайдын коопсуздук кызматынын тизмесинде илинип ар кадамы эсеп-чотко алынып турду. Акунга мындай турмуштун кереги жок. Дилинде уйгурларды боштондукка чыгаруу деген нерсе жок болчу, ал уюмга өткөнү жөн гана романтиканын кылганы, көргөн кинолорунун таасиринен болду көрүнөт. Ал уюмдан кайра чыгууга болбойт, чыккан күндө тирүү калбас. Ошентип айласы кетип жүргөн күндөрдүн биринде бир жолдошу айтты, Кыргызстанга товар алпарып соодалап келбейлиби деп. Ал неме кыргыздарга соода кылып үч-төрт курдай келип ал жактан жакшы оокат кылып кетүүгө боло турганын, кыргыздар уйгур эмес, өзбек да эмес, анан кытай да эмес экендигин, аларды алдап койуш башкаларга караганда оңой экенин айныгыс билген. Дагы бир-эки жыл өткөрүп туруп биротоло Кыргызстанда жашап калууну да пландаштырган. Акундун ал досу булар жөнүндө ачык айткан жок, жөн гана шерик кылмай болду. Кийинки күндөрү соодагерлерди тономой же маданияттуу түрдө рэкеттик кылмай да көбөйүп кетти. Акун мушташты жакшы билген неме эле. Андыктан жанында караан болот, караан эмес коргоочусу болот. Ушинтип ойлоду Акундун Саит досу. Бирок ал ойу туура чыккан жок, таптакыр тескери кетти. Өзүн коргойт деген Акун анын үч жарым миң долларын тоноп алды. Саит кыргыз милийсасына арыздангандан коркот: бир ирет биртоп акчасын уурдатып жиберип милийсага арызданып, ошол милийсанын өзүнөн араң кутулган. Саит уйгур базардагы менмин деген уйгурдун бирине кайрылды эле, анысы Акун менен жакшы экен: "Сенин акчаң боштондук кыймылына кетет" деп Акунду коргоп турду.

Акун Бишкекке келгенден жыл айланбай бандасын калыптандырды. Өзүнө окшогон эки уйгур эки жагында, өлүмгө жумшаса барып берчү төрт орустуу болду. Эми уйгур базар Акундун колуна өттү. Ал жердеги чатакты Акун чечет. Албетте, анысына олчойгон акы алат. Акчаны чыр чечпей да алат.

Адегенде Бишкектин борборунан үч бөлмө там алган Акун көп өтпөй заңгыраган эки кабат үй сатып алды. Жирафтын мойну жеткис дубалы бар. Экиден төрт кароолчу кезектешип кайтарат ал үйдү, тамагын даярдап, үй ичин тазалап турчу дагы эки аял бар орустардан.

Кыргыз жерине кай улуту келсе да түз эле төргө өтүп кутура жашайт эмеспи. Акун да ойда кутурду. Уйгур базарындагы да, башка бир топ жердеги соода кылган кыргыздарды кууратып турду, каалаганын тоноп алат. Анын үстүнөн милийсага арызданган адам болбоду. Акча менен кутулуп кетип, кийин арызданган неменин сазайын бербейби.. .

Кытайдан келгени он жылдай болсо да ал жакка кайрылып барган жок. Бишкек өз үйү, өлөң төшөгү боло тайраңдады. Чолпонатадан заңгыраган үй алган, ал жакка жайкысын барып эс алат. Ушу азыр жашы кыркка чукулдаса да официалдуу түрдө үйлөнгөн жок. Анткен менен уйгурунан да, орус менен кыргызынан да толгон аялы бар.

Кыргыздарды ушунчалык жек көргөнү канында барбы же Бишкекке жаңы келгендеги окуя себепкер болдубу, айтор Акун далай кыргызды канкакшаткан, анысын улантып келет.. .

Ошол Бишкекке алгач келген күндөн бираз өтүп кечке жуук Саит экөө бир жерден тамактанып жатчу үйүнө келатышат эле, алдын беш-алты кыргыз балдар тосуп: "Эй, сарттар, соода кылып кыргыздын канын соруп жүрөсүңөрбү, ыя энеңди!" деди алардын бири, кызуурак көрүнөт. Акун кыргызча билбейт эле, Саит түшүнчү, жооп берди: "Биз сарт эмеспиз, уйгурбуз.. . Алдабай бизнес жасайбыз". "Уйгурбу, сартпы, баары бир ит, энеңди урайындар, алдабай бизнес жасайбыз деп койот, энеңдин көтү!". Бир кыргыз Саитти кабелтең муштады эле, ал оңкодон сайылды, элейе калган Акунду да көмө чабышты. Бирди-жарымга беш-алтоо болуп тийишкенди жакшы көрөт кыргыз баласы, көп болсо кыйын, аз болсо куйругун кыпчыппы, түйүппү, качып берет.. . Эки уйгурду алты кыргыз ойда ийледи, чөнтөктөрүндөгү акчаларын шыпырып алышты.

***

Бишкекти жандай орун алган орус кыштакта туулган. Эне-атасы өмүр бойу көрүнгөн иште иштеп эптеп күн көрчү, тапкандарынын көбүн ичип ташташчу. Беш баланын үчүнчүсү болуп өскөн Скелеттин эзели курсагы ашка тойгон эмес. Ошондон улам жутунуп, жетим козунун кейпинде, курсагы чердейип турчу. Акундун жигити болгончо тегерегиндеги кыргыз балдардан ар дайым токмок жеп, кемсинтүүлөрдүн түркүнүн көрүп келген неме кийин алардын көбүнөн өч алды. Орус шериктерин ээрчитип алып далай кыргыз балдарды кан кусдурду, муштумдан коркпогондорду тапанча менен чөгөлөттү. Далай күнөөсүз кыргыз Скелеттен кордук көрүп жатты.. . Эмне болгон күндө да бу төрт орус кыргыздын накта крутой балдарына кабылбай келишет.. .

Саматтын бир жакшы тааныш милийсасы уйгур Акундун ойда көпкөндүгүн, отургузууга нечен себеп табылса түбүнө түшүрө каздырбай басып койчу крышалары аябай күчтүү экенин небак эле айткан. Анан Самат милийсасын таштап Бишкекке кетип калганда уйгур Акун жөнүндө далай угуп жүрдү. Уккан сайын кыжыры кайначу эле. Кызыгы, ал жөнүндө Мырзабек да көп угуп тиштенип жүргөн экен.

Бир күнү Мырзабекке машийне койуп жүргөн бир жигит ага даттана кетти:

- Өз жерде жүрүп өңгөдөн кордук көргөн жаман экен, байке, - деп.

- Ии, эмне болду?

- Эмне болсун, бир кутурган уйгур эки орусу менен өлтүрүп койо ташташты. - Жигит көзүндөгү кара көз айнекти алды эле - бир көзү көпкөк.

- Мушташтыңбы? - деди Мырзабек.

- Мушташпай калайын, байке. Цирктин жанындагы светофорго келип токтосом арттан бирөө "карс" эле сүзүп жатпайбы. Түшө калдым. Алар үчөө экен: бир уйгур, эки орус, кеп-сөзгө келбей эле баса калышты. Мен кызылга токтотком десем да болбойт. Бизди сүзсүн деп атайылап токтогонсуң дешет. "Бир жума срок - миң доллар апкелесиң, дал ушул жерге апкелесиң" деп кете беришти. "Мерседеси" деле эч нерсе болбоптур. Номурун эстеп алып сураштырсам уйгурдун Акун деген бандити экен, орустары менен. Берген мөөнөтүнө үч күн калды.

- Эмне мөөнөт? - Айттым го. Миң доллар апкелесиң дешкенин. Энесинин көтүн да алпарбайм. - Жигит дагы далай сөз айтып уйгур Акунду орус-порусу менен кошо сөгүп турду. Жини кайнап тиштенип турду. Мырзабек да жини келди, бирок анысын айткан да, билдирген да жок.. .

Эмне ошол уйгурду кой-ай деп койууга кыргызда бир авторитет жок бекен дегенди айткандар да болду. Туура суроо. Андай жигиттер кыргызда бар, бирөө эмес, толгону бар.. .

Бир ирет уйгур Акундун кыргыздарды адам катарына көрбөй турганын, аны эскертүү керектигин, теске салып койуусун өтүнүп кыргыздын бир авторитетине эки жигит келген. Бул авторитетте кримдүйнөнүн укуругу бар эле. Аны менен бардык улуттагылар, анан да бүтүндөй кыргыз эсептешчү. Ал авторитет Акунду таанычу. Анткени ал түлкүдөн куу уйгуруң бир эмес эки ирет бу авторитеттин кадыр-баркын даана билип, сезип, эки ирет тең беш миң доллардан алып келген.

Эки кыргыз жигит Акундун үстүнөн арызданып келгенде авторитет ал уйгур менен сүйлөшөрүн айтып узатып дароо эле бир жигитине Акунду табууга буйрук берди..

Эртеси экөө Бишкектин бир ресторанында тамак үстүндө сүйлөшүштү. Анча-мынча тамак жеген болуп, элүү граммдан таза арак алынгандан кийин эле айтты авторитет:

- Сени кыргызды жаман көрөт дешет го, ыя?! - деди эмелеки жайдары жүзү олуттуу тартып.

Акундун жүрөгү шуу этти. Бирок анысын сыртына чыгарбаганга күчүн үрөп болушунча мээримдүү жылмайды:

- Шеф, сиз эмне деп жатасыз? Мен мусулман баласымын, кантип эле кыргызды жаман көрөм. Кыргыздын нанын жеп, сыйын көрүп жашап атсам.. . Кантип эле.. . - Акун авторитетти шеф дейт. Анткени биринчи келгенде атын таппай калып шеф деген, ошондон бери шеф дейт.

- Кыргызды сыйлай жүр, - деди авторитет токтоо, - сыйлагың келбейт экен - аны да айт. Бизде ар маселенин жакшы чечилишинин дарысы бар, уктуңбу?!

- Уктум, - деди Акун элеңдей. Авторитет ордунан турду: -Бул биринчи, анан акыркы эскерткеним, түшүндүңбү?

- Түшүндүм, шеф.. .

***

Адамдын бир нерсени түшүнгөнү бир башка, а ишти кылганы бир башка. Ошонун сыңары Акун билгениндей жүрө берди. Кыргызыңды кыргыз деп санабайт.. .

Мырзабек бир күнү Самат экөө ээн жерде пиво ичип, шашлык жеп олтуруп Акундун сөзүнө кирип кетишти. Ошондо чечилди Акундун тагдыры - анын жашоого акысы жок. Бир-эки жумага анын баскан-турганына байкоо жүргүзүп, анан "өлүм апкелем" деп эскертпей эле тындым кылмай болушту.

Самат уйгурдун артынан үч эле күн жүрүп анын үйүн, күндө түштөнчү ресторанын билди. Уйгур эки этаж үйүндө турат экен. Түштөнгөн жери болсо уйгурлардын рестораны экен. Көпчүлүк бандиттердин лидерлериндей үч-төрт адамды кайтартпай эле өзү жалгыз жүрөт экен. Шоопуру гана кошо жүрөт. Дагы үч күндү Мырзабек акмалады, эч өзгөрүү жок. Үйдөн чыгат, уйгур базарга барат. Түштө ресторандан түштөнүп, кечинде кайра ресторанга келет. Ал жерден кээде эрте, кээде кеч кайтат. Шоопуру аны үйүнө таштап кетет. Коңгуроону Акун өзү басканда дарбаза ачылат, кароолчу даяр турат эмеспи.. .

Ошол күнү уйгур Акун саат он бирлерден өтүп кайтты ресторандан.

Көңүлү көтөрүңкү эле. Аз-аздап ичкен арагы менен эки уйгур бизнесмендин берген калың доллары көңүлдү көтөрбөй койобу.. . Акун дарбазадагы коңгуроону басары менен эшик ачылды. Ачкан немеге көңүл бурбай эле түз эле үйгө кирип кетти. Кээде эле кароолчудан бирнерсе жөнүндө сурабаса, көбүнчө аларды карап да койбой кирип кетет.

Акун костюмун чечип ыргытып, жумшак диванга чөгө олтурду. Маңдайындагы журналдык столдон телевизордун пультун алып иштетти. Чатырында килейген тарелкалуу антенна күнү-түнү дебей толгон каналдан тартат. Акун улам бир каналга которуп жатат.

Бир маалда эки кыргыз жигит бу залга кирип Акундун эки жагына турушту. Үн катпай телевизорду карамай. Олбурлуу жигиттер экен. Акун делдейди, көз ирмем ойлонуп да жиберди түшүмбү деп. Жок, түшү эмес экен. Жигиттердин бири сүйлөдү орусчасынан:

- Эй, эшекчен эшек уйгур, биз кыргыз болобуз!

Акун бул сөздү даана укту, бирок маанисин түшүнгөн жок, үнсүз катты.

Экинчи жигит тиштенди:

- Эй эшек, биз кыргыз болобуз дегенди уккан жоксуңбу, ыя?! - деп Акунду мойундан кармап кысты эле, анын жаны чыгып кете таштады. Колу-буту тыбырчылай түшүп бир колу мойнундагы колго асылды. Мойун дагы катуу кысылды. Эми уйгурдун жаны чыкканга аз калгандай болду. Ага көп жылдан бери мындай коркуу сезими келген эмес. Эми келди, келгенде да катуу келди, жүрөгүн сууруп, кайра оозуна тыккандай болду, жанын тирилей сууруп алчудай болгон экөөнүн сүрү жаман экен.

- Эшек, эмне, тилиң буулуп калдыбы, ыя?! - деп жигиттин экинчиси уйгурду өпкөгө бир берди эле, эми чын эле жаны чыга жаздады. Өпкө-боору куушурулуп кетти. Минтип муш жей элеги он, он беш жылдай болгон.

Аздан соң эсине келген Акун араңдан сүйлөгөн болду:

- Силерге эмне керек, акча болсо тиги бөлмөдө, алгыла!

- Акчаңды көтүңө тык!

Жигиттин бири ушинтип айтты да эми бирди берди өпкө тарапка, уйгурдун эси дагы ооду. Эс алды. Анан жалооруй сүйлөдү:

- Эмне кылышым керек?

- Кыргызды сыйлашың керек! - деди жигиттин бири. Анан ордунан туруп уйгурду кулак түпкө бир басты. Уйгур оңкодон сайыла полго кулады, тыбырчылап барып токтоду. Жигиттин экинчиси кабыргага тепти. Сынды го бир-экөө, мындай тебиштен кантип соо калсын. Бу жолу уйгур биртопко барып эсине келди. Көзүн ачты. Сунулган тапанчаны көрдү. Эми өлүм даана келгенин сезди. Жалынып жиберди:

- Баарын алгыла.. . Мен кызматыңарды кылам.. . Өмүр бою силердин буйрукту.. .

Тапанча кармаган жигиттин буту тигинин араң сүйлөп жаткан оозуна кадала түштү. Кан жайа берди. Уйгур жана бир эси ооп анан ойгонду. Эсине келген немеден сурашты:

- Акчаларың кайда?!

***

Уйгур сүйүнүп кетти. Акчаны алышса өлтүрбөйт деп сүйүндү. Баарын алышсын, тек гана жанын койушса болгону. Ордунан эптеп туруп жигиттерди баштай басты да, бир үйдө турган чакан сейфти көрсөттү. Бир чет элдик сейф чакан көрүнгөнү менен оңбогондой оор, ачкычсыз ачуу да кыйын, талкалоого болбойт. Уйгур ошол жердеги шкафтан ачкыч алып сейфти өз колу менен ачты. Ичи толо доллар экен. Бир-эки таңгак кыргыздын сомдору да жүрөт.

Жигиттердин бири залдагы стол жабылган аппак дасмалды алып келип уйгурга сунду:

- Оро!

Уйгур акчаларды дасмалга ороду.

- Бу канча? - деди жигиттердин бири.

Уйгур ойлоно түшүп айтты:

- Беш жүз жетимиш миң доллар. Сом.. . билбейм канча экенин.

- А долларың эмнеге миллион эмес?! - деди жигит.

Уйгур делдейди:

- Билбейм.

- Эмнеге билбейсиң?

Жигит уйгурду бетке чапты:

- Айтпайсыңбы, эмнеге миллион эмес!

Уйгур колу менен бетин калкалай күңк-мыңк:

- Көлдөн пансионат сатып алайын дегем. Үч жүз миң долларды бергем. Уйгур ресторанын да алмакмын эки жүз миң, ага кетти.. . Анан.. .

Уйгур "ананын" айта албай калды, жигиттин таш муштуму дагы орноду анын ичине. Уйгур бүк түштү.

Экинчи жигит сырттан желим бөтөлкөгө куйулган бензинди уйгурга сунду, акча таңгакты көрсөтө:

- Ме, куй!

Уйгурдун бу сөздү угуп эси ооп кетти.. . Э балакеттики, акчаны өрттөгөнү жатышабы. Булар эмне оорукчан немелерби, уйгур эч качан акча өрттөмөк эмес, андан көрө эне-атасын же өзүн өрттөсө оңой болмок. Уйгур бензинди таңгакка куйду. Жигит эми ага ширеңке сунду:

- Ме, өрттө.

Уйгурдун жаны суурулду, өзү сызгырылчудай болот. Уйгур деген эл эч качан акча өрттөбөйт, жанбирге. Уйгур чакты ширеңкени, таңгакка таштады. От "дүрт" этти, жалындап кетти. Беш жүз жетимиш миң доллар.. . анан толгон сом.. . Уйгур кошо күйүп жатат, сызгырылып жатат.

- Эми сен өрттөлөсүң, кыргызды жек көргөнүң үчүн! - деди жигиттердин бири.

Уйгур жалынып турду:

- Мен деген эч качан кыргызды жек көрбөйм. Сонун элди, айкөл элди кантип жек көрөм. Дүйнөдөгү эң бир сонун элди кантип жек көрөм. Андан көрө уйгурлар жаман, кыргызды эмес, уйгурду жек көрөм, баарын эсептешет, байлыкка баарын сатышат.. .

Уйгур айта берди, жалына берди, жеке жаны үчүн бүтүндөй өз элин сатып турду. Дагы канча сүйлөйт эле ким билди, Мырзабектин жини келип, жийиркенип кетти, тапанчасын тигинин чыкыйына басты. Ок жеген уйгур ошону менен тирүүлүк парзын аяктап берди.. .

Таңгактан тутанган пол күйдү. Уктоочу диванга жетти, анан шифоньер тутанды.

Аз өтпөй эки кабат үй толугу менен алоолоп берди. Өрт өчүргүчтөр озондой келди, милийсасы да келди таңылган эки кароолчуну өрт өчүргүчтөр бошоткондон кийин. Ал экөө милийсага урунттуу эч нерсе айтып бере алган жок, экөө тең башка бирден жеп, колу-буту, ооздору таңылыптыр. Кол салгандар экөөбү, үчөөбү, оруспу, кыргызбы, эч бир суроого жооп бере албай көздөрүн элеңдетип туруп беришти.. .

Бир топко чейин: "Акунду өлтүргөндөр миллиондон көп долларын алыптыр. Алар Казакстандан келген уйгурлар экен, жок, өзүбүздүн эле уйгурлар экен, уйгур эмес эле кыргыздар экен, Кытайдын коопсуздук кызматынын адамдары экен" сыяктуу бир топ "экендер" айтылып турду. Ага чейин момундай окуялар болуп кетти.. .

Шефи атылып анан өрттөнүп өлгөндөн кийин аз өтпөй анын эки уйгур жигитин уйгур базарындагы дагы бир жаш топ, мурун Акундан коркуп араң эле жүргөн топтун мүчөлөрү бир ирет кийиздей ийлешти эле, ошондон соң бул жердеги үй-жайын текейден арзан сатып Казакстанга кире качышты.

Акундун төрт орусу да жок болду. Скелет Акун барында өз айылындагы кыргыздардын бирин калтырбай сазайын окутуп чыккан эле. Акундун өлүмүнөн кийин ошол кыргыз балдар жыйырма-отузу болуп чогулуп Скелетти чоң суунун жээгине алпарып ташбараңга алып ташташты. Милийса биртопко сурак жүргүзүп күнөөлүү тапкан жок, алар да билишчү Скелеттин ким экенин.. . Берки үч орустун экөө ууру кылып, чөнтөктөрүнөн наркотик чыгып бир топ жылга кесилип кетишти, бирөө баш-оту менен аракка алдырып азыр базарлардын тургуну, кейпи кеткен тентимиш.. . Ушинтип бүттү уйгур Акундун көпкөн бандасынын күчү.

***

Акчаң болсо каалаганың болот, айбан болсоң аның билинбейт. Иштин көзүн таппаган неме болсоң акча аны да оңдой койот, мээң жетпеген иштин анабашына туруп алышың бар акча күчү менен. Айтып не, айтпаса не, акчанын күчүнө туруштук берчү күч жок го адам турмушунда. Ошол акчанын күчү бир чакан шаардагы милийса началынигин түз министрдин орун басарлыгына алып келди. Төрт орун басардын бири. Министрге бир-эки жолу салам менен келип, келгенде да оңой эмес каражат менен келип, министр ал таңгакты көргөндө жүрөгү жарыла жаздаган. Анткени буга чейин анча акчаны эч ким берип көрө элек эле. Ошентип министрдин көзүн эки ирет чекчейтип туруп полковник Болот министрге орунбасар болуп тынды. Өзүнүн жаманбы, жакшыбы, ойунда дагы бир аз чыдап койсо министрдин дал өзү болууга жолу ачык, акча болсо жетип берээр, жетпесе дагы убакыт бар, чогултуп алууга. Милийса министринин орун басарына толгон акчаны бир жумада же эки күндө таап койсо колдон келет.. .

Ошентип Болот олчойгон орунга отуруп, министрдин эркеси болду. Беш-алты райондун жөн эле отурган начальниктерин алмаштырып, министрине он миң долларды бир эле санап берди, эки-үч айдан кийин беш баланы милийса академиясына өткөздү, он баланы орто окуу жайына өткөздү, дагы төрт адамдын наамын көтөрдү, мөөнөтүнөн мурда бир наркобаронду 16 жылга кетчү жеринен таптаза алып чыкты, андан алынган 10 килограмм героинди бир жигити соодалап берди, ушул сыяктуу иштерден чогулган долларга көмүлүп кала жаздады, министрди эми бир көмдү долларга, эми бүтүндөй министрликти өзү биле турган болду.

Албетте дечи, Болоттун былык иштерин министрликтеги бир топ кызматкерлер, бөтөнчө министрдин башка орунбасарлары жакшы билишчү. Министрди кандай тойгузганына чейин, канча доллар кай жактан келип жатканына чейин беш колундай билгендер да бар эле. Бирок эч кимиси ачык айта албайт, Болотту сындаганы - министрди сындаганы. Министрди сындасаң, соодаң бүттү да.. .

Болоттун турмушу мыкты уланды. Талкаланган дүнүйөсү он эсе кайтарылгандай болду.. . Бирок "мен сага өлүм апкелемди" жасап жүргөндөрдү таппай келет. Шектенгендери бар, бирок азырынча колго түшүрө элек. Аларды кармоо үчүн өтө жашыруун операция ишке кирген, аз күндө ийгиликтүү айакташы мүмкүн.. . Болотту оңой көргөндөргө кандай сокку урулар экен.. .

***

Мырзабек Болоттун көтөрүлүп келгенин ошонун эртеси эле телевизордон көргөн. Жашачу акыркы жериң менен кызматыңа келдиң деп койгон өзүнчө. Болотту жок кылуу оңойго турбайт, анткени ал мурдагы шаар начальниги кезиндегидей ар кай жерге мейманга бара бербейт, көңүлдөшү менен да өтө жашырын жолугушат. Бирок азыр жок кылчу адамың болсо, аны ишке ашыруунун жолдору табылат.. .

Мырзабек менен Самат бул ишке аябай сак даярданышты. Милийсанын министринин орун басары оңой эмес да. Ошол оңой эмес деген ишеним маселени татаалдантат, болбосо оңой эле болушу да мүмкүн. Министр орун басарынын үйүнө ким даап барат, ал орун басар бөтөнчө милийсаныкы болсо. Даап барса оңой эле экен деп Мырзабек менен Самат ишке ашырмай болушту.

Бу кезде Болоттун аялы балдары менен Көлдө эс алып жүргөн. Үч-төрт күндөн кийин Болот бармак эки-үч күнгө эс алганы.

Болот үйүнө кеч келди. Бирок караңгы киргени аз эле болгон, жай күнү караңгы кеч кирет эмеспи. Саат ондор болуп калган. Болот эшигин ачып үйгө кирди. Баса, Болот азырынча ушул үч бөлмө-тамында жашап жаткан. Башка да үйлөрү бар эмеспи. Аларды карап, кайтарып жашагандар бар. Болот ашканага өтүп, муздаткычтан муздак пиводон бирди алып ачты да, түз эле оозунан кылкылдата жутту. Анан бөтөлкөнү көтөргөн бойдон төркү үйгө өттү, каадасынча телевизорду иштетти. Бүт эркектин үйүнө келгендеги адаты ушул го азыр. Диванга чалкалай отуруп пивосун иче баштады эле "тарс" эткен үн чыгып колундагы бөтөлкө талкаланып кетти. Болот ордунан ыргып турганда маңдайына келе калган бирөө аны дал тумшукка согуп отурган жерине кайра жыкты. Болот көзүн ачты. Глушителдүү тапанчасын колуна кармаган Мырзабекти көрдү. Эми биротоло ишенди "Өлүм алып келип жүргөн" ушул экенин. Мырзабектин жанындагы Саматты да көрдү. Бүгүнкү күн, азыркы түн өмүрүнүн акыры экенин билди. Бирок.. . А балким өлтүрүшпөс. "Өлүм апкелгендер" ушулар экенин билмексенге салыш керек. Дагы жымыраган ойлор биринин артынан экинчиси чуурат.. . Эгер булардын өлтүрө турганы чын болсо, айла жок, коркпой мойун сунат өлүмгө, өлүмдү тике карап тайманбай кетет.

- Сен айбан, далай жандын убалына калгансың! Сен деген милийсанын абийирин кетирип бүткөнсүң! Сенин айбандыгыңан менин айалым өлгөн, энеңди! - деп туруп Мырзабек Болоттун семиз кежигесине алаканынын кыры менен келиштире урду эле, анын мойну жүлүнү менен кошо үзүлө таштады.

- Сенин жашоого кенедей да акың жок, айбан, уктуңбу, кенедей да акың жок!

Мырзабек тапанчасын тигинин чекесине такады эле, Болоттун көзү эми чындап чекчейди. Мырзабектин сырын жакшы билет, өлүм апкелип жүргөнүнө эми биротоло ишенди. Өлтүрүп койушу бар. Жок, буга керсейиштин кереги жок, кандай болсо да эптеп жатып аман калыш керек. Өз үйүнөн стакан толтура аракты сурап ичти. Эптеп аман калса анан.. .

Болот жанталаша, жалына сүйлөдү:

- Мырзабек, сен эмне, сен деген милийса офицерисиң да. Мырзабек, мен сени эч качан жаман көргөн эмесмин. Мен сага жаманчылык каалаган эмесмин. Иште болот да.. . Мен кийин түшүндүм сенин астыңда күнөөлүү экенимди.. .

- Күнөөң кайсы, айтчы?! - Мырзабек тапанчасын дагы да катуу такады.

Болот эмне деп айтмак, тактап айта албады:

- Күнөөлүүмүн.. . Күнөөлүү экем. Чоң сыр айтсам тирүү калтырат дедиби айтып турду:

- Сенин сырыңды бир айалдан сурайын дегем. Көрдүңбү, өтө жашырын сырды айтып бердим. Керек болсо сени министрликке орноштурам. Кааласаң бир районго же шаарга начальник болуп бар.. .

Мырзабек тапанчаны такабай кызыга сурады:

- Кайсы аял эле мага жиберген?

- Галя деген неме. Менин жеке агентим. -Тапанча чекеден алынды, Болот жеңилдей түштү. Жок, эми бу мени өлтүрбөй калды деген ойу бекиди.

- Ал жөнүндө дагы ким билет?

- Эч ким билбейт. Мен гана билем. Мен өзүм байланышмайын ал эч качан мага келбейт.

Мырзабек ойлоно калды. Эгер Болот тирүү калса, Самат экөө жок болуш керек. Анан Болоттун айбандык далай кылыктары көз алдынан өтүп турду. Өзүн токтото албай калды. Тапанча Болоттун чекесине жабыша түшүп бир эле басылды.. .

Болоттун атылганын анчалык чуу кылышкан жок. Министр өзүнүн орунбасарларын жана башка чоңдорун чакырып, орунбасарын өлтүргөн немени жерде болсо жерден, көктө болсо көктөн табуусун буйурду. Керек болсо көрдөн сууруп чыгыш керек деди. Кызык нерсени айтып коюшубуз керек. Болоттун өлүмү милийсанын азын гана капа кылган болду, көпчүлүгү анын киши колдуу өлүмүн туура сыяктуу кабыл алышты.

Өлүм дегениң ит тура - миңдеген милийсалар Болоттун карьерасы менен байлыгына, министр менен кийинчерээктеги теңата мамилесине суктана башташкан. Эми болсо ал суктануу жок. Жерге берерде жийиркенткен гана өлүгүн көрүштү. Өлүк, генийден да, баатырдан да, сулуудан да, акылдуу менен айкөлдөн да жийиркентет. Ошон үчүн өлүк.. .

***

Мырзабекке көз сүзүп, каш кагып жүргөн, үч-төрт курдай үйүнө чакырган келин Болоттун өзү гана билген агенти болчу. Мырзабектен аз кичүү, кыркка чыга элек неме. Ал чын эле прокуратурада иштеген тергөөчү жигиттин аялы. Жигит болгону да курусун, эркек өңдөнүп аялына бир ирет короңдоп-ороңдоп көргөн эмес, көзүнүн кареги менен айланат, оту менен кирип күлү менен чыккан неме. Кай маселеде болбосун аялынын алдында балбырап отуруп берет. Ишинде болсо далайды ак жеринен какшаткан катаал, карышкырдай капшыра тиштеген неме өңдөндү.

Эки жыл мурун бу тергөөчү Болот иштеген шаарда иштеп келген. Бир ирет бирөөнүкүндө мейманда олтуруп Болот а келин менен көз кысыша кетип, аягында кызып калган күйөөсү экөөнү үйүнө чейин жеткизип, а жерден да ичкен болуп күйөөсүн оңкодон сайышып.. . ошентишкен. А келин менен жарым жылдай жүргөндөн кийин өзүндө иштеген бир жаш майор аны менен көңүлдөшүп кеткенин билип, а майорду кабинетине чакырып келип экөө баланча күнү түкүнчө жердеги саунага барып шапар тебүүсүн катуу тапшырып, антпесе жалгыз жылдызын сууруп аларын айтат. Анан жигит келин менен аракка тойуп кумарланып атышканын калтырбай видеого тарттырат. Эми келин да, майор да кайырмактын учунда эле, эч чыккыс эле.. .

Андан аз өтпөй Болот келинди кабинетине чакырат да кассетаны шашпай көрсөтөт. Келиндин жүрөгү түшөт адегенде, анан өзүнө пешка күйөөсүн эстеп, тартса тартыптыр да деген ойдо кайра тоотпой күлөт. Ошондо Болот минтет да:

- Эй, жалап, эгерде ушунуңду жалпы журт телевизордон көрсө эмне болоруңду билесиңби, ыя?! Келин сийип жибере таштайт. Көз алдына телевизор тиктеген апасы менен атасынын элеси келет, алар менен өмүр бойу тирешип, кез-кези соттошуп келген маңдайкы кошунасын эстейт.. . Андан көрө өлүм артык, өлүм жыргал! Келин жалынат Болотко, иттей жалынат, таман-туманын жалабийе таштайт.

Болот айтат:

- Ии, эми жеттиби мээңе, ыя, көтжинди?! Мындан ары көтүңдү кысып, оозуңду жаап мен айткандай болуп жүрөсүң, уктуңбу?! "Уктумдан" жакшы айтат келин. Болот аны кабинетинин төркү бөлмөсүнө алпарып, жарым сааттан кийин койо берет.. . Келин терең ой жүгүртпөйт, "ал кассетаны телевизордон көрсөтүүгө акысы барбы мунун" дегенди ойлосо болмок. Болоттун: "Болуптур, көрсөттүрбөйм" дегени дилинде кайталанат, бир ажалдан калгандай сүйүнөт.. .

Ошондон соң Болот келинди кез-кези менен пайдаланып жүрдү. Майор менен болгон мамилеси сүйүүгө айлана жаздады эле, анысы кан буугандай токтоду. Болот майорду башка жерге которттуруп жиберген.

Прокуратура менен милийсаң абысындардай, кээде жакшы, кээде жаман. Кандай болгон күндө да экөө бирисиз бири жашай албайт. Бири-биринен жашырган сырлары да көп. Болот шаар прокуратурасындагы көп сырды келин аркылуу алып турду. "Кишичил" болгону менен катынга тап бере албаган күйөө катыны эмне сураса төкпөй-чачпай айтып берет.

Ошентип төрт жылдай кызмат кылды келин Болотко. Анан күйөөсү Бишкекке которулуп келди. Аз өтпөй Болот да Бишкекке келди. Келээри менен келин кайрадан анын кызматын кыла баштады.

Бир күнү Болот келинди бир жашырын квартирадан кабыл алып беш-алты саат бойу мээсине тапшырмасын куйду. Адегенде "мен сага өлүм апкелем" деген кагазды алып өлгөндөрдү тизмектеди. Андай кагазды өзү да алганын айткан жок. Анан ал ишти Мырзабек деген мурда милийсада иштеп кеткен немеден шек аларын, бирок эч кандай далил жок болуп жатканын, ал азыр бир машина койуучу жайда иштээрин, ал кандай адам экенин айтты. Келиндин милдети Мырзабек менен өтө жакын мамиле түзүп, керек болсо төшөккө чейин жетип "өлүм апкелген" ошол экенин далилдөө керек. Келин бул тапшырманы катуу алды. Тапшырма аткарылбаса кассета көрсөткөндү кой "аттырып сала" турганын айтты.

Ошентип бу келин машинасын Мырзабекке койо баштады. Биртоп өткөндөн кийин өзү демилге көтөрүп таанышты. Эки-үч ирет үйүнө да чакырды. Бирби, экиби ирет Мырзабек анын үйүнөн чай ичти. Ал кезде келиндин тергөөчү күйөөсү алыс жактарга кеткен болот. Эпадам капыстан келип аялы бирөө менен чай ичип отурганын көрсө деле эчнерсе болмок эмес, а балким төшөктөн тапса да таарынып, бир-эки күн тултуйуп тим болмок.. .

Келин Мырзабекти ушул күнү да чакырды. Мырзабек бу сулуу келиндин Болоттун шимшүүрү экенин билген. Болоттун өлгөнүнө үч күн болгон. Келин ал жөнүндө уга элек го, кебетеси. Эгер уккан болсо Мырзабекти балким чакырбас беле.

Бу жолу келин столду аябай дайардаптыр, түркүн тамактан стол столдугунан эле чыдап тургандай.

- Бүгүн туулган күнүм, - деди келин көзүн сүзө жароокер жылмайып, - сизди ошого чакырдым.

- Канчага чыктыңыз? - деди Мырзабек.

- Аялдын жашын сурабайт, - деди келин. Орустан жабышкан салтты айтып турду.

- А, кечирип коюңуз, - деди Мырзабек күлүп, - аялдар ар дайым он сегизде болорун унутканымды кара. Өмүрлүү болуңуз.

Экөө эки-үч ирет ичкен болушту. Көп ачылышпай сүйлөшкөн болушат.

- Мен сизди өтө жакын адамымдай көргүм келет, - деди бир маалда келин, - өмүр бойу өтө жакын адамым болуп жүрсө дейм. - Келин бул сөздү калптан айткан жок. Болоттун тапшырмасын аткарганы менен Мырзабекти бир көргөндө эле жактыргандай болгон. Болоттон корккону андан күчтүү болгону үчүн тапшырма үстүндө иштеп жүрбөйбү. Буга чейин эки-үч ирет "өлүм апкелем" жөнүндө сөз баштап, ал жөнүндө укканын айткан болуп Мырзабектин кабак-башына көз салган, шек-шыбаа көрө албады, ал жөнүндө сөз да уланбады.

- Мен да сизди жакын адамымдай көргүм келет, - деди Мырзабек жооп берип. -Эчактан эле ошенткем.

Мырзабек да калп айткан жок. Келинди жактырып жүргөнү да ырас эле. Бирок бу келиндин милдетин Болоттон уккандан кийин көңүлү кайткыс карарган. Мынчалык алданып келген үмүтүнө бир эсе жаны күйүп турду. Дүйүм тамак убаранын карасындай сезилди. Бир-эки жолу көтөрүлгөн тостту ачуу жутуп, анан капысынан эле:

- Мен анда барайын ишке. Балдар күтүп калды го, - деп шылтоо айтты. Айалдын чебелектеген азгырыгына алдырган жок бу жолу баягы тоодогу сымал. Бек турду.

Келбетине жана ажарына бекем ишенип алган айалга Мырзабектин бу кылыгы таптакыр түшүнүксүз болду. Акыры кармап калалбасына көзү жетти бейм:

- Мейлиңиз. Бирок кийинки жолугушаарыбызда ишиңизди жакшылап бекемдеп келээрсиз, - деп жылмайымыш болду.

Сырткы эшик жабылганда телефон чырылдап калды. Алса күйөөсү чалып жатыптыр:

- Бир орунбасарды атып кетишкен экен. Таанышым деп жүрөт белең..

Айал андан ары уккан жок. Атылгандан да жаман болуп, жүрөгү барча-барча тилинип турду. Өзүн саткынчы сезди. Бактысын сатып жибергенсип, жайнаган столду тиктеп отуруп калды.. .

***

Качантан экенин ким билди, бу бир жарым центнер келген тарыхтын тээ тереңинде калган балталуу баш кесерди элестеткен, караган адамды коркунучтуу өң-келбети менен бир силкинтип алчу аялды баары "мама" дешет, тегерегиндеги аял-эркек дебей, чоң-кичине дебей. Коркунучтуу кебетесине куп келген катаал-каардуу мүнөзү, аялзатында жок ташбоорлугу далайдын үшүн алган. Кээ бир жапжаш кыздар анын ташбоорлугунан, канкорлугунан өмүрүнөн ажыраса, кээ бири өмүр бойу жарым эс, жарымбаа болуп, майып болуп да калышкан.. .

Мама "мама" бололекте Бишкекке жакын айылдардын биринде кедей-дыйкандын үйбүлөсүндө туулуп өскөн. Апасы колхоздо саанчы эле, атасы болсо уйчу. Экөө тең керээли кечке ошол колхоздун ортолук уйлары менен алек. Күнүнө бир-эки маал апасы үйгө чуркай келип, чуркай кетет, атасы болсо кашкарайганда араң келет.

Мамаша болсо өзүн-өзү билет, өзүнөн кийинки ини-сиңдилерин каалагандай башкарып, тамактын бүрдүүсүн өзү термелеп жеп тигилерге күн көрсөтпөйт. "Апама айтам" дегендерин айткыс кылып жанчат, кызбашы менен баса калып муунтуп салат, чала өлүк кебетесине жеткизип. Анан биртуугандарынын баары андан өлгүдөй коркот. Айтканы айткан, дегени деген. Мамада сабак окумай жок. Ата-энеси тапкан акчаны өзү билип коротот, каалаган кийимин сатып кийет шаарга эки күндүн биринде каттап. Мектебинин мугалимдери небак жадап бүткөн. Кыз төртүнчү-бешинчи класста экенде класс жетекчиси анын эне-атасына арызданып келишчү, кийин келбей калышкан. Эне-атасы элжиреген немелер болсо, кызы аларды тоотпосо келип не?..

Ошентип далактай качкан кыз бир күнү улуу балдардын отурушуна барып таңга жуук чын эле "мама" болуп келди. Аскерге кетем деп жаткан бир бала "сени аскерден келип эле алам, тойду Бишкектен эң чоң ресторанда өткөрөм" деп туруп жатып койду. Ошентип Маманы кыз белгисинен сегизинчи класста кашайтышкан. Ошондон соң далай жигиттин койнунда жүрдү баланча күнү "свадьба" өткөрүшмөй болуп. "Эмки жылы аялымды кетирем, сени алам" деп үч-төрт бүлөлүү эркек да "оозтийип" калышты бу аты кыздан.. .

Мама онду бүтүп, бүткөндө да бүтүндөй бир мектептин мугалимдерин опсуз кубанычка бөлөй бүтүп Бишкекке келди. Анткен менен акылы бар окшойт, чоң окууну самабады, окуй албасын, дегеле андайдан түшүнүгү жогун түшүндү. Кездеме токуган фабрикага орношуп, жатакана алды. Ырасында заңкылдап-даңкылдап дурус иштеди, айлыкты дурус алат. Ата-энесинин да тапканы кошумча, бир-эки жылда дурус акча чогултту да, өзү иштеген жерине жакын жерден жерүй сатып алды.

Ана эмесе, шапар тепкенди көрүп ал, күндө майрам, күндө той. Өзү менен иштеген үч-төрт кызды башкарып алган, үйүнө апкелет, аларга жигит табат, бекер эмес, тамак-ашка акча алат. Кийинчерээк тамакка дебей эле "баланча төлөйсүң" деп түз эле айтат. "Мамаша" дейт кыздар, жигиттер да ошентет аларга келген. Мамаша болсо мурун эле эткээл неме эми тегирмендин ташындай болду, ар сөзүндө буйруктун деми, илеби бар. Кай бирде мас болуп чатак чыгарган эркектерди бир колу менен желкеден, экинчи колу менен көттөн алып ыргытканда ал неме камгактай учат. Анысы тура калып кол кайтармак болсо тумшуктан ары бирди басканда бүттү, түгөнөт эркектик кайрат, бүрүшүп туруп берет.

Күндөрдүн бир күнүндө Мамаша ойлонуп отуруп жумуштан чыгып алды, иштеп не керек. Ошол ишинде тер төгүп, бел түзөбөй тапкан акчаңды кыздарынын аркасы менен бир күндө таап койсоң болот. Бүттү, иштебейт. Ошол Совет доору кезинде колу-буту соо туруп иштебей жатканды катуу сурачу да. Бир күнү участкалык милийса келди короңдоп. Мамаша көчүк менен кашты бирдей серпип, анын астына чучук баш болгон биртоп тамагын койуп, кымбат арактан куйуп, кетээринде акча карматып узатты. Ал милийсаң ошондон кийин көп келет, мамашанын сыйын көп көрөт, ага тийише тургандар болсо коргоп алат. А турсун бир-эки ирет "мамаша, бүгүн түнү сенин үйүңдү текшеребиз" деп эскертти эле, ошол күндөрү кармап, жоопко тартабыз деп келген биртоп милийса мамашаны жоопко тартмак турсун, анын ачуу тилинен араң кутулушпадыбы. Кийин ошол өз киши болуп калган милийсаны башка жерге которуп, башкасын чектешти. Ал капитан неме эки-үч ирет келип Мамашанын чарасын көрмөй болду. Анан а да өз киши болуп кетти. Мамашаныкына келип курсагын тойгузат, чөнтөгү акчага толот, анан кумарын жазат. Накта "крыша" ошол капитан болду.

Ошол кезде Мамаша эттенип, анысы узун бойуна куп жарашып, өңдүү-түстүү тартып, биртоп эркектин шилекейин куйултуп таштачу. Бир эле маалда үч-төрт эркек менен жүрө берчү.

Кыз саткан ишин баштагандан ончакты жыл айланып эми мурунку үйүнө жанаша Россияга кетчү орустун килейген алты бөлмөлүү үйүн кабагым-кашым дебей сатып алды. Мончосу, гаражы, времянкасы, алма багы, погреби - деги укмуш короо жай. Мамаша эми үйүндө бир малай, короосунда бир малай күттү. Чоң үйдүн бир бөлмөсү өзүнө тиешелүү, ага өзүнөн башка эч ким кирбейт, улуксаатсыз. Үч бөлмөдө кыздар иштейт, күнү болсо күнү, түнү болсо түнү. Эки бөлмөдө каалагандар тамактанат, ырдап, бийлейт, телевизор көрөт, көбүнчө секс.. . Ырас эле десең, Мамаша бу чоң үйдү өлкөбүздүн эркиндиги менен кошо сатып алды. Мамашанын үйү кирешеден киреше апкеле баштаса, өлкөбүздүн экономикасы кыйрагандан кыйрап жатты.

Дагы бир аз убакыт өтүп Мамаша жигит күттү. Эңгезердей үч жигит, үчөөнө тең төшөктөн даамын алдырды. Каалаган убакта таң атырып койот, кимиси менен болбосун. Бирок бирин да теңата кылбайт. Төшөктөн турдубу, бүттү колбаласы, камчы чабар жигити. Мамашанын кыз сатуу иши эми кадимкидей жөнгө койулду. Туш келди кыз алынбайт, өңү-түсүнө карайт, жаштарын тандайт. Бир гинеколог врач текшерип турат аларды. Ким кайсы күнү иштейт, качан эсалат, отпуска беришеби, жокпу, канча акча төлөнөт, эмне кийим кийиш керек ж. б. толгон-токой жоболорду киргизген Мамаша. Тартип аябай катуу. Кыздар азга эле мойун толгосо, бүттү, кийиздей жанчылат. Милийсага арыздангандар чыкса кайра өздөрү күнөөлөнөт, антүүгө Мамашанын акчасы жетип берет.

Маманын итчиликтерин Мырзабек менен Самат оголе көп угушту. Маселен, момундай да бир окуясы бар:

Бир жолу үч-төрт кыз чогуу отуруп калышты. Кылган иштерин, Мамаша, келечек жөнүндө сүйлөшөт. Мамашанын айбандыгын айтышат. Кийин ушул ыплас иштен кетип бүлө күтөрүн, бала төрөп эне болушарын кеп кылышат. Алардын арасында бирөө эч сөз айтпай, талкууга аралашпай отурат да, болгон сөздү чыпчыргасын коротпой Мамага жеткирет. Ана эмесе, Мама эң жаман ишти ойлоп, ошол кыздардын тагдырына балта чабат: жамандаган үч кызга күч менен операция жасатып, эне болуу ырыскысынан ажыратат. Анан ал кыздарды жумуштан да айдап салат. Ошондо кыздарын үчөөнүн бири муунуп өлүп, берки экөө көчө-көчө кыдырып ичип кетти дешет.

Ушундай айбандык иштерди жасаган айалдын, жок, айалдын эмес, желмогуздун жашоого кенедей да акысы жок!

***

Мама саат онбирлерде туруп, жуунуп, дайардалган килейген столго жалгыз отуруп оозун эпсиз толтура тамак жебатат. Бир айал чимирик болуп чайын куйуп, тамактарынан улам бирди Мамага жылдырып, бошогон тарелкаларды алып, стол үстүн тазалай калып жаны тынбайт.

Мама бир саатка жакын тамактанды. Анан ынтыга туруп килейген залдагы мамык диванга кырдана жатып, телевизор көрө баштады. Аз өтпөй анын күн күркүрөгөндөй коңуругу жаңырды. Үй кызматчы айал айар басып телевизорду өчүрүп, Маманын үстүн одейал менен жаап койду.

Мама кээде уйкуга алдырып койот. Түндө уктап, шашкеде туруп тамак ичип, анан телевизор көрүмүш болуп, кайра уктайт. Бүгүн да ошентти. Уйкудан бешим ченде турду, кайрадан жуунган болуп, дале болсо тамакка отурду. Жалаң эт жеди: тооктун, койдун, жылкынын.. . Таза арактан эки жүздү сокту. Көңүлү чаап турса бу горилладай түрү менен сүрү бар айал бир бөтөлкөнү бир эле тартат. Дагы ичти арактан. Аздан соң нымшып, денеси да, көңүлү да жибиди. Үй кызматчы айалга айтты:

- Эй катын, чакыр, массаж жасасын!

Мама ордунан туруп, короодогу саунага кирди. Артынан массаж жасачу жигит кирди. Бу неме үйдү да, Маманы да кайтаргандардын бири, анан массажын да жасайт. Бу жигитти Мама кээде уктоочу бөлмөсүнө да алып калат..

Мама массажын жасатты, саунасына түштү. Андан соң дароо кечки тамакка отурду - арааны айабай ачылып турган. Жарылганча жеди тамакты. Эми дале болсо үргүлөй телевизор тиктеген болот. Ошентти. Бат эле үргүлөп барып уктай кетти. Ордуңа барып жат деп эчким айта албайт. Эми ал беш-алты саат замбирек атса да ойгонбойт.

Үй кызматчы айал, дагы бир тамак жасаган кыз, үйдү, короо-жайды кайтарган эки жигит болуп ошол төртөө тамактан бели ийилген столго отуруп жеп, ичип жатышты. Бу жердеги телевизорго уйаты арбын кинокассетана койуп анын кумарына батыбатышат.

Короодогу үйдө да кароолучу бар айалы менен. Короодо килейген эки дөбөт наркы-терки ээн басат. Бул үйгө даап киши кире албас.. .

Бир маалда сырт жактан дабыш чыккандай болуп, эки дөбөт ошол тушка келип үрө баштады. Анан удаасы менен эки жолу үнү пасталган ок чыгып, эки дөбөт эки жерге сулады. Ага удаа эки адам короого секирип түүшүштү да, түз эле кароолчунун үйүнө киришти.

Кароолчу эки ирет стакан көтөрүп, килейген тарелкага салынган тууралган этти жеп, эми бирди сокмой болуп стаканды колуна алган.

Кирип келген эки маскачанды көрүп жүрөгү оозуна тыгылды. Стаканы колунда калтырайт. Анын айалы уктабаткан, орто кызуу. Ичкени менен көтөрө албайт, аз эле ичип кулайт.

Эки маскачан эч сөз айткан жок. Шашпай кароолчунун колу-бутун бышык жип менен байлап, анан бири айтты:

- Үнүң чыкса өлдүң! Тигиниңе да айт, ойгонсо, түшүндүңбү?

Кароолчу небак тилооздон калган да, үнү чыкпай башын ийкегиледи.

Экөө акырын басып үйгө киришти. төртөө чардаганын улантып жатышкан. Колдорунда тапанча маскачандарды көргөндө тигилердин көчүгү түшүп калды, келмелери оозунан түштү.

Эки эркектин колдору, буттары байланды залга алынып келип. Бу жерде Мама уктап жаткан да. Эки айал да киргизилди. Төртөө жерге эле отургузулду. Анан маскачандын бири курткасынын этегин жылдыра берип курунан кыска саптуу камчы алып, тоодой болуп жаткан айалды келиштире шилтеди эле, айал бакырган бойдон тура калам деп жерге кулады. Эми бир жеди куйрук талаш. Кудайга үнү жете чаңырды, жанталашты. Дагы жеди, дагы чаңырды.. . дагы.. .

Карап отурган төртөө жандан түңүлдү.

Таңылуу эки жигит маскачандар тарабынан өлүм жазасына өкүм кылынган эле, анткени бул экөө Маманын тилин албай качып кеткен эки кызды таап муунтуп өлтүрүшкөн. Анан да Маманын буйругу менен кыздарды зордуктап, көгала койдой тепкилеп турчу.

Ошолор жөнүндө маскачандын бири айтып, өлүмгө татыгансыңар деп экөөнү чекеге басып-басып алды.

- Эми кезек сеники, - деди маскачандын бири Мамага. - Айтар сөзүң барбы акыркы ирет. Кыздарды кантип кордогондугуңду айтып берчи?!

Маманын жаны оозуна тыгылды. Айласы куруп, байкуштун оозуна кеп келбеди. Эмне деп айталат эле.

- Мен.. . мен.. - Мама ушинтип титирейт.

- Эмне сен?!

Мама сөз улай албайт. Калчылдайт:

- Өлтүрбөгүлө! Баарын алгыла..

- Эмненин баарын?!

- Акчанын. Мен азыр. - Мама өзү гана кирчү бөлмөсүнө барып сейфтеги доллардан беш-алты таңгак көтөрүп келди эле, беркинин бири сурады:

- Баарыбы?

- Азыр.. . - Мама барып баарын көтөрүп келди. Сейфте жүз элүү миң доллары бар эле.

Маскачандын бири долларларды арчындаган резинкаларынан бошотуп, бириндете үйдү да, чөнтөгүнөн кичинекей бөтөлкөдөгү бензинден куйуп ширеңке чакты. Доллар алоолоно күйдү.

Маманын өлүмдөн коркконун ачкөздүгү жеңип кетти:

- Эмне өрттөйсүң?!

Ошону айтаары менен тизесин мыкчый жыгылды. Удаа эле экинчи тизесине ок тийди. Чаңырык. Жансоога. Өлүм көрүнөт. бирок айалды өлтүрүшпөдү. Үйлөрү бүт өрттөлдү. Өзү доктурга жатып, буттары айыгып чыкты, бирок эки буту тең бүгүлбөй калган. Кийин көчөдө калып, ит көрбөгөн кордукту көрүп, адам санында жок турмуш өтөдү.. .

***

Ошондон көп өтпөй Мырзабек Самат менен жеке отуруп сүйлөшүп жатып минтти:

- Самат, сен өзүңдү өлүм апкелчү жаналгычка окшош сезген жоксуңбу?

- Билбейм.. Антүү ойума келбесе керек.

- А мага андай ой күн санап келе турган болду.

Экөө бир топко дымып тургандан кийин Мырзабек айтты:

- Өлүм апкелгенибизди токтотпойбузбу, ыя Самат?

- Ошентелиби?

- Ошентели.

- Макулмун.

Ошону менен сөз бүттү.

***

Ошол сөздөн төрт жыл өттү. Бул убакта экөө дымыды. Анан бир ирет экөөнүн ортосунда мындай сөз болду:

- Мырзаке, чоңуң да, бандитиң да элдин канын соргонун күчөттү го. Аздап болсо да кой дебейбизби?

- Мен да ойлой баштадым эле. Кой десе кой дейли.

- Өлүм апкелиппи?

- Башка жол жок экен да буларга, - деди Мырзабек.

Ал өзүнчө тарых..

Аягы

Поделиться

Башка китептерин окуу учун картинканы басыныз