Бердикожо БИЙНАЗАРОВ


"Сопу"


КИТЕПТИН ЖАРЫККА ЧЫГЫШЫНА СОПУ ЭСЕТ УУЛУНУН БИР ТУУГАН ИНИСИНИН КЫБЫРАСЫ СУПАКАНОВ АБДРАШИТ ҮМӨТАЛИЕВИЧ КАРЖЫЛАП ЖАРДАМ БЕРДИ.


БАШ СӨЗ



Тээ бала кезден менин улутубуздун улуу сөздөрүнө баа берип, санжырасын угуп, ысымдары тарыхта калган инсандарыбыздын басып өткөн жолуна кызыгып, билип алууга ынтызарым күч алып келет. Ооба, бирок бири кем дүйнө дегендей, кээ бир Сопу ата өңдүү өз учурунун белгилүү жана асыл адамдарынын тарыхтары, жасаган иштери, калтырган сабактары, адамдык жакшы сапаттары, жашап өткөн өмүр жолу айтылбай жана жазылбай көмүскөдө калып баратканы кимди гана өкүндүрбөйт. Аттиң, жок эле дегенде ошол кезде азыркыдай илим өспөгөн күндө дагы, кагаз бетине кенен, таамай жазылып калса, анда бул жашоого керектүү наабаттуу сөздөр, акыл кеңештер, асыл ойлор түгөлү менен бизге жетет эле го. Ооба, өз учурунун жакшысы аталган, акыл кошчу, эл ээрчиген төбөлдөрдүн кеңешчиси, учурунда сөз таба билген чечени, алдыны көрө билген олуясы, билим үйрөнүүгө ынтызары күч балдардын устаты, алдыдагы окуяны алдына ала билген билгичи, санжыра-тарыхты мыкты билген билерманы, кат тааныган сабаттуу адамы, азык уруусунан чыккан Сопу Эсет уулунун учурда барк баасы билинбей баратканы мени абдан түйшөлтөт. Бир кезде мен санжыра-тарыхты кубалап окуп, нускалуу сөздөрдү жата калып укканга куштар элем. Ал эми азыр ар бир уурудан чыккан жазмакерлер өз уруусунан чыккан гана атуулдарды мактап-жактап жазып, башка улуттан чыккан чыгаандарды унутта калтыргандары албетте калыстыкка жатпайт. Ооба, бизде кыргыз элинде "көзү өтүп кеткен инсандын артынан жаман сөз айтпайт"- деген сөз калган. Бирок, азыр көзү өтүп кеткен инсандардын артынан жаман сөз айтмак турсун, каратып туруп бурмалап жазгандардын саны өстү. Муну эми биз, ар кимдин абийирине койгонубуз оң. Сөз өңүтү бурулуп баратат окшойт.

Эмесе сөздү көп чойбой олуялык сапатка ээ болгон, сынчы Сопу ата жөнүндө сөз кезегин баштасак.

Сопу ата 1760 -1850 - жылдардын аралыгында, өлкөбүздүн түндүк тарабында жашап өтүп, улуу Алла берген өмүрүн элге арнап, өзгөчө кыргыз эли үчүн сөз жетпеген жакшы иштерди жасап кеткени тарых барактарында үстүртөн жазылып жана ооз эки түрүндө айтылып калган. Бирок, ириде айтылгандай ал кезде кагазга толук түшпөгөн соң, ооз эки айтылган сөздөрдүн көбү бурмаланып олтуруп, бизге Сопу атанын эмгектери толук жетпей калганы өкүндүрүп турат. Антсе дагы санжырачы атам Таштанбек Бийназаровдон уккан жана башка тарых булактарынан алган окуялардын жана сюжеттердин жардамы менен болгон билгендеримди сиздерге тартуулоону туура таптым.

Албетте бул китептин жазылышына жана жарыкка чыгышына чоң салымын кошкон Сопу атанын бир тууган инилеринин урпактарына ыраазычылык билдирип кетем. Ооба, эгер Сопу атанын айткан дегендери бизге толугу менен жеткен болсо, анда анын жарыгы бир гана кыргыз элине эмес коңшулаш казак, орус элдерине дагы кереги тийип, жашоо шарт эбак эле туура жолго түшүп, жакшы жагына оомок беле ким билет? Анда бир гана кыргыз элинде эмес, дагы башка улуттардын, мамлекеттердин тарыхында ысмы айтылып, тарых барактарында кенен чагылдырылып, ал киши менен кыргыз эли сыймыктанмак. Анткени бул жалганда Сопу атадай олуя заада адамдар миң жылда бир жарык дүйнөгө келиши толук мүмкүн. Айткандай ал кишинин тээ мындан эки кылым илгери эле ушул замандын болушун таасын айтып кеткени эмне деген касиет жана эмне деген билгичтик. Калыс алып карасак, эки кылым алдыны көрө билүү олуялык сапат жөн улуттан чыкпайт. Биз керек болсо Сопу ата менен дагы сыймыктансак болот. "Алтынды, алтын, асылды асыл табат" -дегендей, Сопу атадай асыл адамдар кандай элден, кандай жерден чыгат, өзүбүз ой жүгүртүп көрөлү.

Бул жерден абасы бийик Ала-Тоону, суусу тунук Ысык-Көл өңдүү көлдөрүбүздү айтпай кетсек, жарашпай калчудай. Албетте мындай касиетүү жердин, жер жарып чыккан булагынын тунук суусун ичип, таза абасынан дем алган адамдардан Сопу ата өңдүү касиеттүү инсандар чыгып келген, бирок дагы өткөнгө кайрылып айтсак толугу менен кагазга түшүп, сакталып калбаганы ойго салат.

Ооз эки айтылган сөзгө караганда, кагазга түшүрүлгөн окуянын өңүтү толук сакталып каларында шек жок. Бирок, бизди түйшөлткөн маселе бизге жетпей калган асыл инсандарыбыздын таржымалы, жасап кеткен иштери бармак тиштеп өкүнгөнгө түрткү берет.

Ооба, өзүбүз эле калыс ой жүгүртүп, акылга салсак, кандай кишинин ысмына "ата" деген улуу сөз кошулуп айтылат. Баатырдык кылган инсандын атына "баатыр" деген сөз бекер жерден кошулуп айтылбайт, балбандын аты балбан аталат. Ал эми кадырлуу карылыкка, сөөлөттүү сөзгө жеткен адамдын ысымына "ата" деген сөз кошулуп айтылып калганы, тарыхта кайталанып эле келе жатат. Ооба, эгер атасы Сопу деп ат койсо, ага уланган "ата" деген сөздү эл энчилеп койгонун танып болбойт. "Сопу ата" - деп айтылып калган сөздүн артында эле эмне деген кадыр-барк, эмне деген улуулук, эмне деген сый урмат жатат. "Манас" эпосунда "Бакай ата" деп аталып калгандай, биздин улуу каарманыбыз Сопу Эсет уулу дагы "Сопу ата" деп тарыхта калганы, өз мезгилинде кадырлуу инсан болгонун таасын белгилеп турбайбы. Жакшы адамдын артынан жакшы сөз калат эмеспи. Анынсыңары "Адалдыктын сепилинен кулабай, жашап өткөн бакыт эмей эмне" деп айтылгандай, бул дүйнөдө бир берилген өмүрдө артында из калтырып, жашап өткөн адамдардын изине гүлдөр өсүп, арабызда ысмы жашап жатканы баа-барк экенин танып болбойт.

Түштөгү аян



Жаз мезгилинин орто чени. Мал көккө тоюнуп, жер жарылып шыбак чыгып, желин жарылып сүт чыгып, кыш мезгилинин каарынан толук кутулган элдин алды жайлоого көчкөнү даярданып жаткан кезде, түнү Эсет уктап жатып түш көрдү. Ооба, тээ илгертен кыргыз эли көргөн түшкө абдан маани берип, жакшы көргөн түштү мал союп, кадырлуу карыяларды чакырып түштү жоорутуп, ырымын кылчу. Эгер жаман түш көрсө, сууга айтып, суу менен агып кетсин деген ойдо болушпады беле.

Эсет күндүн нуру алыскы тоо башынан чыгып келе жатканда, жылуу төшөктөн туруп эле көргөн түшүн эстеп, бир топко жатты да, анан жай кыймылы менен кийинип сыртка чыкты. Мунун себеби, уктап жаткан балдарын ойготуп албайын деген далалаты экенин танып болбойт эле. Акырын кадамын алдыга таштап элүү кадамдай илгери жылып, чыгыш тараптан өйдө көтөрүлүп келе жаткан күндүн нурун карап ойго алаксып бир топко туруп калды. Ушул жерден бир нерсени эстегенсип эмнегедир маңдай тарапты теше тиктеп, таттуу кыялга жетеленип кетти. Эртең мененки таңкы көрүнүштүн кооздугуна арбалып, эч бир жерди өгөйсүнтпөй нурун тегиз чачып улам өйдөлөп келе жаткан күндүн тийген нуруна ыраазы болуп, улуу Алланын жараткан касиетине таң берип, кыймылсыз турганда аялы Аксаамай боз үйдөн чыгып үн салды:

(Негизи эле санжырада аял кишинин ысмы айтылбаган соң, Эсет карыянын дагы аялынын аты ким болгону белгисиз. Андыктан ал кишинин ысмын мындан ары Аксаамай деп атап коюну туура таптык (автор)).

-Эсет сага эмне болду? Ал жерде эмне туруп калдың, бир жерден жылбай? - деди, алты айлык боюнда бар аксаргылынан келген, жашы отузга чамалап калган, бетин болор-болбос сепкил баскан Аксаамай. Бул берилген суроого жооп бермек турсун, өз оюу менен алаксып таңкы көрүнүштөгү бул кооздукту биринчи жолу көрүп жаткансып, жалдырап эле туруп калган Эсетке аялы жакын келип чыканагынан тартты да:

- Ой, деги дени-кардың сообу, эмне мынча жалдырап? - дегенде Эсет эми гана эсине келгенсип, аялын оңурая карап:

- Сага эмне болду? -деп кайра өзүнө суроо берди. Аксаамай көзүн алайтып:

- Балага көз боло турчу, мен суу алып келейин. Кечинде суу алып келип коём деп ойлоп жатып, унутуп калыптырмын, - деди. Айтмакчы суу коктунун ичиндеги булактан алынат. Анткен менен алыс, бир караган кишиге. Күндө ал жерден суу алгангабы, Аксаамай үчүн жакын болуп калган, суу ала турган булак.

Жерди тешип чыккан булактын суусу ушундай бир тунук анан муздак, бирок кышында тоңбогон сапаты бар. Кээ бир кишилер айтып калат, бул булакты "ыйык булак" деп. Күүгүм талаш суу алганы эч ким барбайт. Бул салтта бар. Илгери абышкалар айтып калышчу "караңгыда сууга барбагыла" деп. Анткени көзгө көрүмчү көрүнөт деп ойлошчу беле, аны так айтып болбойт.

Эсет башын ийкеп жооп берип, дагы бир жолу таңкы күндүн нуруна көзүн кадап тигиле карап алып артка бурулуп, үйдү көздөй кадам таштады. Боз үйдүн эшигинен кирип келип уктап жаткан наристени кымтылап жаап, дагы көргөн түшүн эстеп, бир жакшы жышаан болоорун алдына ала билип, кайра ойго алаксып кетти. Аңгыча Аксаамай суудан келип, идиш-аягы менен алек болуп калды.

Жазгы күндүн таңында суук али күчүндө болот эмеспи. Жеңил кийинген Эсет сыртта жүрүп чыйрыгып кетти. Качан гана койдун көңү каланган очок үстүндөгү чай кайнап, тасмал жайылып, таңкы наарга олтурушканда Эсет салмактуу сүйлөп, оюн ортого салды:

- Аксаамай, мен бир жакшы түш көрдүм. Түштү "бир гана жолу айтып, бир гана жолу жорутуш керек" деген кеп бар. Макул көрсөң бүгүн мал союп, жети абышка чакырып түшүмдү жорутайын. "Жетинин бири кыдыр" деген кеп бар, аны угуп эле жүрбөйбүзбү. Ансыз деле көптөн бери жаш сорпо иче элекпиз, узун сарыда өзөккө күчтүү тамак барбаса да болбойт. Минтип өлбөгөн жанга жаз келип, кыштын суугунан аз да болсо кутулдук. Бирок эмнегедир жаздын келиши кечикти го? Аксаамай эмне демек эле, уктап жаткан баласына көз жүгүртүп карап алып, бошогон чыныга чай куюп сунуп, жагымдуу үнүн жогору чыгарып, болор-болбос башын ийкеп:

- Аны өзүң бил, мен дагы кечээ түнү түш көргөм. Бирок эч кимге айтканым жок. Ал көргөн түшүмдү өзүмчө жакшылыкка жоруп койгон элем. Эсет кулак салып, кызыгуусу арта:

- Айтып көрчү, балким экөөбүздүн көргөн түшүбүз окшош болуп чыгар. Аксаамай мыйыгынан күлүп:

- Азыр эле өзүң айттың го "Түштү бир гана жолу жоруп, бир гана жолу айтыш керек" деп. Андан көрө тиги абышкаларыңды чакыр, түш ооп кете электе тамак берип, көргөн түшүбүздү жорутуп алалы. Негизи эле түштү кечке калтырбай жорутуш керек.

Эсет бул айтылган сунушту тура көрүп, эмнегедир кош кат болуп турган аялынын ичине көзү урунуп кетти да, бир башкача көз караш менен карап алды. Баскан турганы, кыймыл аракети оор тартып калган Аксаамай, Эсет туруп кеткенден кийин эки колун жүзүнө тартып күбүрөнүп сүйлөп өзүнчө тасмалга бата кылды да, ордунан туруп идиши менен алек болуп кетти.

Таңкы сыдырым соккон жел азыраак денени ичиркенткен болбосо, жазгы көрүнүш көз жоосун алып, көңүл көтөрөт. Ак кардын кучагынан бошонгон жер бетин жашыл тулаң каптап, короодон чыккан койлор маарап, козуларын ээрчитип, маңдайкы бетке жайылып баратты. Эсет коктунун ичиндеги тушалуу атын алып келип токуп минип, Аксаамайга кайрылды:

- Конок камын көрө бер, мен азыр кой алып келгенче жети абышканы чакыра келгендей болом, - деп жөнүн айтып, атын бастырып иниси Марканын үйүн көздөй жөнөдү. Алдындагы карагер аты таң атканча оттогонгобу, басыгы шайдоот. Тоо беттеп кеткен жол менен ат үстүндө бара жатып Эсет эмнегедир Аксаамай менен таанышкан алгачкы күндү эстеп мыйыгынан күлүп алды. Ошол күндү азыр дагы эч унутпайт. Күнү оюнан, түнү түшүнөн кетпеген аксаргылдын сулуусу, арзыганы Аксаамайга жеткенге чейин кандай гана ашыктыктын азабын тартпады, акыры ага жеткенден кийин баары унутулуп калды. Бирок азыр ошол кездегидей Аксаамайды жакшы көрөбү, ага так жооп бере албайт. Анткени бул жашоодо баардык нерсе убактылуу экенин ушул жолдо бара жатып, калыс ойлоп койду. Карагер атка аста камчы салды да "чү" деп теминип алды. Ушуну эле күтүп турган белем ат басыгын ылдамдатып, ордунан жүткүнгөн болду. Эсет алыска көз жүгүртүп, тоо башындагы ак калпак кийгендей калдайып жаткан ак кар жамынып жаткан тоо башындагы мөңгүлөрдү карап, өзүнчө ойго алаксып кетти "быйыл жай жаанчыл болот өңдүү" деп. Аңгыча иниси Марканын үйүнө келип калды. Марка өзү ат алып, агасы менен учурашкан соң, таң эрте келген агасын суроолуу карады "эмне болду?" -дегенсип. Эсет үйгө киргенден кийин гана келген жөнүн түшүндүрүп айтып, этүү кой сурады. Жаз мезгилинде эттүү малдын табылыш кыйын экенин ким билбейт. Марка оокатка бүйрө, малды семиз баккан, дегинкиси короосундагы төрт түлүк малды эле эмес, короо кайтарган тайгандарын дагы жакшы баккан, адамдык сапаты жогору "жок" - деп айтпаган жакшы адаты бар, оокатына тың жигит. Жайы-кышы короосунан семиз мал өксү болбойт. Агасы Эсеттин суроосуна "лам" дебей макул болуп:

- Байке, сиз алдыга кете бериңиз, мен малды мындай чыгарып коюп, койду өзүм жеткизип барып берем. Сиз чакырчу кишилериңизди чакырыңыз, аларга эрте айткан жакшы го дейм?

Эсет бул сунушту туура көрүп, тасмалга бата тилеп, сыртка чыкты да, атына минип бастырып кетти. Марка малына көз салып коюп дароо эле семиз кара койду кармап, өзү атка өңөрүп байкесинин үйүнө алып келди. Ал кезде келген конок малга бата кылмайын мал мууздалчу эмес, бул шарт эле.

Убакыт кичи шашке болуп калган кезде малга бата тиленди. Тасмал жайылып, келген коноктор ар тараптуу сөздөрдөн кеп уруп олтуруп, качан тамак алдыга келгенде Эсет көргөн түшүн айтып баштаганда, төрдө олтурган сакалы көкүрөгүн баскан, азык уруусунун сакалдуусу Жакшыбай карыя куудай болгон сакалын оң колу менен сылап, сөз угууга ынтызар экенин билгизип, жанындагыларды тынч олтургула дегенсип карап алды. Эсеттин жанында байкеси Дуулат, андан жогору улуу байкеси Бекечал олтурган. Баш аягы үйдө жети абышканы кошпогондо ондон ашык киши тасмал четинен орун алган. Аксаамай чыгдан жакта сорпо куюп берип, Эсеттин иниси Марка сорпо сунуп, келген конокторду тейлөө менен алек. Түндүктөн көпкөк асман көрүнүп, жылып бара жаткан бир үзүм булутка чукул бийиктикте ак куш айланып учуп турду. Бирок ал кушту эч ким деле таназар алып, байкаган жок.

Эсет көргөн түшүн минтип айтып баштады:

-Түндө эмнегедир түн ортосуна чейин уйкум качып, такыр уктай алганым жок. Жаңы гана жылдыз тарап, чолпон жылдызы көрүнүп калган кезде сыртка чыгып короого көз салган болуп келип, жатып уктап кетиптирмин.

Түшүмдө бир чоң тоонун алдында туруптурмун. Арык ылдый суу агып, суунун үнү кулакка угулуп турду. Суу жээги калың бак-шакка бай, анда ар түрдүү куштар сайрап учуп-конуп жүрүшөт. Бир кезде тоонун башы тараптан бир ак куш келип менин ийниме конуп калды. Анан эле бир кара киши ак кушту кармап алган болот. Мен кушту таппай калам. Көп убакыт өткөн соң ак куш алыс жактан учуп келип, кайра ийниме конот. Куштун чарчаган түрү мага даана байкалды. Алиги кармап алган кара кишиден запкы жеген түрү бар. Анан эле ал кушту көптөгөн куштар тегеректеп алган болот. Баягы ак куш кайда учса, берки куштар ошол жакка учуп конот. Аңгыча эле менин жанымда дагы тааныбаган көп кишилер пайда болуп, мен алардын ортосунда турган болом. Ушул жерге келгенде бала ыйлап ойгонуп кеттим. Азыр дагы ал көргөн түшүмдү эстесем, тулку боюм титиреп, толкунданып кетип жатат. Бул көргөн түшүмдү жакшылап жоруп берсеңиздер экен? - деп, Эсет сөзүнүн аягына чыгып, абышкаларды кыдырата карап алып:

- Баса, Аксаамай дагы түш көргөн экен. Ал дагы айтып калсын. Түш бир жоругандан, бир айткандан болот эмеспи - деп, сөзүнүн аягын таппай калды. Бул сөздү уккан төрдө олтурган Жакшыбай карыя үнүн жасап кыра жөтөлүп алып:

- Келин бала, тартынбай айт. "Иши оңолчу кишинин түшү оңолот" деген кеп бар. Эсет айткандай көргөн түштү, ырымын жасап жорутуп койсо, иштин ийгисин берет.

Тээ илгертен ата-бабаларыбыз түшкө басым жасап келген. Сен дагы кош кат болуп турган кезиң экен, буйруса кыргызга керек уул көрөрүңөр анык болуп калды көрүнөт. Менин баамымда жакшы жышаандын белгиси бул. Бул жалганда боло турган ар бир нерседен алдына ала белги берилет, бирок адам баласы ага көп көңүл бурбай келет. Кана, айтчы, сенин көргөн түшүңдү угалы да анан эки түштү бир жоруйлу.

Аксаамай кары кишилердин алдында сүйлөгөндөн уялып, ак жүзүнө кан толуп, жүзү албырып чыкты да, сакалдуу кишини сөзүн жерге калтыра албай, тик карабай жер караган тейде сөзүн минтип баштады:

- Түшүмдө мага бир аксакал карыя келип колума бир нерсе берип кетти. Ал нерсе эмне экенин деле баамдай албай калдым. Аңгыча эле наабатуу ак элечек кийген эне келип "бекем кармап ал" деп жумуртка берди. Жумуртка колума тийээри менен эле жарылып кетип, ак кушка айланып калды. Ак куш биздин боз үйдү айланып учуп, жаныма конуп калганда биздин үйдө көптөгөн куштар айланып учуп, үй жалаң кушка толуп чыкты. Мен аларга жем чачкан болом. Анан эле ойгонум кеттим.

Бул түштү айтып болгондо, Жакшыбай карыя кабагы ачык, бир саамга ойлонгонгондой тынч алып олтуруп анан:

- Эсет, Кудай берет деген ушул. Келин экөөңөрдүн көргөн түшүңөр төп келсин. Ак куш киргени абдан жакшы. Эми силер акылга дыйкан, эл эрчиген, эл керегине жараган, азык уруусунун эле эмес, жамы кыргыз элинин атын чыгарган уулду болот экенсиңер. Эгер Бүркүт түшүңөргө кирсе анда баатыр уулду болот элеңер. Ак куш бул атанын атын чыгарган, сөз атасы болгон, акыл кошкон, алдыны көрө билген олуязадаа уулдун келишинен белги бергени. Аны ээрчип куштар үйдү байыр алганы, уулуңарды жандагандар. Баса, баса белгилеп кетүүчү нерсе, бала бой тартканга чейин сак болгула. Башка бирөөнүн колуна өтүп кетиши мүмкүн. Ал жагын так айта албайм деп, сөздү башкага бурду:

Тээ илгери биздин чоң атабыз Тагай бий жети баласын өзүнүн жакын досу, улуту казак Турсун деген сынчыны атайын ат чаптырып алдырып, таман чыкма семиз жылкы сойдуруп коноктоп, анан сынаткан экен.

Жакшыбай карыя угуп олтурасыңарбы деп жанындагыларды кыдырата караганда, катар олтурган өзүнүн курдашы Саалы карыя, үнүн жай чыгарып:

- Анан? - деген болду. Жакшыбай эми чындап узун сөзгө кирди. Анткени "сөздү уккан жерге айт" деген кеп бар эмеспи. Оозун тиктеп калган тасмал четиндегилер көздөрү менен билгизишти, сөз укканга куштар экендерин. "Жакшы сөз жан эргитет" дегендей, жакшы сөз угуу кандай жакшы. Ал эми санжыра, уламыш, жомок айткан кары кишиге кандай жарашат. Сакалы куудай аппак болгон Жакшыбай карыя дагы бир жолу эки жагын каранып алып, сөзүн андан ары улады.

- Тагайдын жөн жай чакыртпаганын билген сынчы учурун келтирип сурайт:

- Ии, курдаш, чакырттың келдим, коноктодуң, конок болдум. Ачык айт максатың эмне? Келгениме дагы эки-үч күн болуп кетти. Сыйыңды жакшы эле көрдүм. Тирүү жан болгондон кийин ар бир адамдын түйшүгү болот эмеспи. Үй-жайга кайтайын дегенде, Тагай ойго алаксып кетип бир саамга туруп анан:

- Досум, менин максатым сага айта турган сырым бул, балдарымды калыс жана түз сынап бербейсиңби? Ата жолун жолдоп, эл ээрчиткен балдарым бар экенби, билейин дедим эле. Бул жалганда ата менен эне баладан үмүт кылып жашайт тура. Сенин сынаган сыныңа жараша "балдарыма энчи бөлүп берейин" деген оюм бар эле дегенде Турсун сынчы башын ийкеп, макул экенин билгизип:

- Эртең эртең менен эрте сынайын. Мен сенден ушул сөздү күткөм, - деген тура.

Эртеси Тагай бийдин жети баласын сынаганда, биздин атабыз Азыкка сынчы мындай деп сын айтыптыр. Мен сөздү чойбой кыскартып айтайын.

- Азык уулуңдун келечеги кең, маңдайы жарык, телегейи тегиз экен. Бул уулуңдан эл аралаган олуязаада, сынчы, калыс, эч кимге жамандагы жок, жан адамга кара санабаган, ак ниет балдар чыгат. Бирок бир жаман жагы, көңүлчөөк, башканын тилине бат кирип, ишенчээгинен жакшылыгы жамандык менен тийген, эмгегин эл жеген, бирөөнө кылдай кара нерсе ойлобогон, пейили кенен уулдар ушул уулуңдан чыгат. Аракетчил, башка жанга жакшылык кылайын деген асыл ойлуу уулуң Азык деп сынаган экен.

Айтылгандай эле Азык уруусунан кандай олуя адамдар чыкты. Буга мисал катары ушуга чейин жашап өткөн Убаалы сынчыны, Санчы сынчыны эле алалы. Менин жеке оюмда Эсет ак куш түшүңө кириптир, жарык дүйнөгө бинаа боло турган уулуң олуязаада адам болушу толук мүмкүн. Анткени ак куш жөн адамдын түшүнө кирип, аян бербейт. Макул анда мен сөздү көп эле чоё бербейин, келин экөөң өйдө туруп, бата тилегилечи? -деди. Эсет менен Аксаамай орундарынан турганда Жакшыбай карыя эки алаканын жүзүнө жакындатып:

- Көргөн түшүңөр төп келип, үйүңөргө кут келсин, атыңарды чыгарган уулду болуп, Аксаамай келиним аман-эсен боюнан бошонуп алсын. Жакшылык жайыңардан кетпей, өрүшүңөр малга, конушуңар жанга, тасмалыңар данга толуп, тилегиңер кабыл болсун! - деп алаканын жүзүнө тартты. Тасмал четиндегилер баары бир ооздон тилек айтышып, алар дагы бата берген болушту. Бата тиленгенден кийин колго суу куюлганга чейин жети абышканын бири Жума курдаш катары Жакшыбайды сөз менен чымчып өттү:

- Я, Жакшыбай, анан тиги Турсун сынчы дагы эмне деп сын айтыптыр "Азык атаңарды көргөндө" деп. Бул берилген суроого эмне деп жооп берет болду экен деп баары жапырт кулак түрүп калышты. Жакшыбай суу куйган баланы алкап, колун суулук менен арчып жатып:

- Жума, мен ал кезде болгон эмесмин, болгону укканымды айттым. Турсун сынчы кыраакы, алдыны көрө билген, саяпкер жылкы баласын кандай сынаса, Турсун сынчы адам баласын так ошондой сынай билген, чоң өнөр ээси болуптур. Болбосо Тагай бий кадырын салып чакыртпайт эле да. Менин угушума караганда Турсун сынчы бир жыйында Тагай бийге өзү жолугуп айткан экен "балдарыңды сынатсаң боло, убакыт өтүп бара жатат" деп. Ар бир нерсенин өзүнүн учуру болот. Убакыт сааты келген күнү Тагай бий балдарын Турсун сынчыны чакырып сынатканын мен мындан жыйырма эки жыл илгери Чүйдө болгон чоң ашта Сарыбагыштын ичинен тараган уруусу Жантайдын Аюукесинен тараган Токтор аксакалдан уккам. Ал киши сөзгө чебер, акылга дыйкан, абдан калыс киши эле, жарыктык. Ошол аштагы ат чабышта болгон чырды бир ооз сөз менен гана токтотуп койгон. Сөз ушул жерге келгенде Дуулат сөз алып калды:

- Мынча болду эми биздин үйгө да тийип даам сызып кеткиле! - деп, карыларга кайрылып калды эле Жакшыбай карыя:

- Пейилиңе ыракмат, ушул жеген тамагыбыз аш болсун. Сенин үйүңө башка күнү баралы деп, ордунан козголду.

Ошол окуядан кийин туура үч ай дегенде Аксаамай уул төрөдү. Жайдын толуп турган кези. Аптаптуу ысыктын илеби жайлоодо анча деле билинбейт. Бала төрөлөр кезде үйдүн үстүндө ак куш айланып учуп турганын, бир гана Аксаамай байкап, үч ай илгери көргөн түшүн эстеди. Жан кыйналып, денеден бала бөлүнүп чыкканга аракет кылып, толго күч алган кезде, Аксаамай дароо түндүктөн асманды караганга үлгүрдү. Ошол кезде баягы ак куш ушунчалык жакын учуп келгенин элес-булас көзү чалды. Анан калганын байкай албай калды. Баланын "баа" деп бакырып түшкөнү эненин кулагына дароо угулду. Аттиң, кайран эне ай. Канча азап тартып, кандай күч коротуп денеден баланы бөлүп чыкканы эле эмне деген түйшүктү, эмне деген эмгекти талап кылды. Эми баары эле ушуну менен бүтүп калса кана. Баланын чоңойгонго чейинки азабы да моюнда илинип турганын кантип тана алат. Бир кезде баланы төрөткөн киндик эне Жибекчач, Аксаамайга сүйүнчүлөдү "уул бала экен" деп. Эне буга чейин эле билген, ичтеги наристе уул бала экенин. Анткени тигинтип асманда ак куштун айланып учуп турганы эле ичтеги бала уул экенинен белги берип койгон.

Бул учурда Эсет үйдө эмес болучу. Кечинде эки бутун тушап отко койгон аты бошонуп кетип, аны издеп кеткен. Кетээринде Аксаамайдын толгоосу баштала элек болучу. Болбосо эрте келгенге аракет кылат беле. Ат бошонуп, иниси жайлаган коктуга кирип кетиптир. Таппай убара болмок, ат жылкынын четине келгенде айгыр кубалаганда Марка кармап байлап койгон. Болбосо айгыр чайнап салат беле ким билет. Эч санаа оюнда жок кымызга орто кызып, ойго алаксып келе жатканда алдынан сүйүнчү айтып чыккан бала "уулду болдуңуз" дегенде, дароо көргөн түшүн эстеди да, алдына ала билген касиети бар Жакшыбай карыянын айткан сөзү кулагына жаңырды. Сүйүнчүлөгөн баланы ыраазы кылып, аттына камчы салып, үйүн көздөй чаап жөнөдү. Бул, уулду болгон ар бир атанын сүйүнгөндөгү жоругу экенин танып болбойт.

Жаңы төрөлгөн балага Сопу деген ысым берилди. Бул ысымды дагы уруунун ак сакалы Жакшыбай карыя өзү билип койду. Ал кезде сакалдуу кишинин алдына өтүп балага ысым койгон шартта жана салта жок болучу. Жакшыбай карыянын ымыркайга Cопу деген атты койгонунун дагы бир себеби, түшүнөн аян берилип койгону тууралуу эч кимге айткан жок.

Жаш баланын уурдалышы



Убакыт канатын кагып алдыга жылып, баягы түштөн аян берилип төрөлгөн бала, анча мынча кол арага жарап чоңоюп калган. Ошол кезде улуу "Жибек Жолу" менен калмак соодагерлери Андижан тарапка жүк алып өтүп соодалап, кайра жүк алып артка кайтып өтүп турушкан. Алар кайра өз мекенине айыл чети менен өткөн кездеринде жаш балдарды уурдап кетишип, өз жерлерине барганда малдары көп байларга сатып жиберген адатка айланып бара жаткан эле. Жаш балдарын уурдаткан ата-энелердин ошондогу кан какшап сыздаганын жан адамга бербесин. Бул калмак эли адам баласынын убалынан коркпой мал эмес, адам баласын уурдай качкандары албетте абдан эле коркунуч туудуруп, жергиликтүү калктын кыжыры келип, алар өтөр кезде балдарын катып, сак-сактап калышкан. Кичине балдар ыйлаганда же тентек кылганда "калмак келе жатат" деп коркутуп соороткон адатка айланган. Калмактар бир эки жолу кыргыздардан ыдык көргөндө, бала уурдагандарын коюп, сөзгө келишкен. Убадага туруп бала уурдаган адат бир-эки жыл жок болуп кетип, кайра пайда болуп, кээде калмактар менен кыргыздардын ортосунда чоң чыр чыккан күндөр дагы болгон. Бирок акчанын кыныгын алып алышкан соодагерлер көнгөн адаттарын такыр эле жыйыштырып салышканга диттери чаппай турушкан. Ал турсун кээ бир байлар соода жолуна чыккандарга "жаш бала керек" деп алдына-ала акча сунуштап соодалашкандары дагы калмак соодагерлеринин кызыгуусун арттырып, ыгын келтирип бала уурдаган иш улана бергени ойго салбай койгон жок.

Жакшыбай карыя кабагы салыңкы кырга келип олтурганда, кадырман карылар, жакшы чыкма мырзалар, жакшы аталган төрөлөр жыйын боло тургансып кырга бир-экиден басып келип чогула баштады. Ою, санаасы - санга бөлүнүп олтурган Жакшыбай карыянын көңүлүндө эмнелер орун алып турганын эч бири таназар алышкан жок.

Ар бир гүлдүн ширесин аары билгендей, элдин ичинде эмне бар, кандай уйгу-туйгу чийеленген күдүк санаа бар экенин кыраакы, акылман гана адамдар байкайт. Көп адамдар акылдуу, туруктуу, адамкерчиликтүү болууну кааласа, начар адамдар өзүн элге таанытыш үчүн далбас урат. Басылбек карыя башын ийкеп, сөз сүйлөй турганын билгизип, болор-болбос үн чыгарып жөтөлгөн болуп:

- Жакшыбай, сен эмне эле санаага чөмүлүп, унчукпайсың? Биз аккан суунун өзү болбосок дагы булагыбыз. Дегинкиси, жүйөө кеп кеңешке ортоктош болуп, акыл кошо турган жөлөк болгонго жарайбыз. Кулагыбыз турмуштун ачуу-таттуусун билиш үчүн аз сүйлөп, көп ойлонуп, кептин негизине кулак төшөсүн деп адамга эки кулак, бир ооз берилген. Кепке сараңдык адамды акылдуу дедирбесе, анда көңдөй дедирет. Жакшыбай карыны ой басып:

- Көз менен көрүп туруп кантип мен ойго алаксыбайм. Тигинтип калмактар жаңы өнүп келе жаткан муундарыбызды уурдай качып жатса. Аларга жакшылык менен дагы, урушуп дагы айттык. Бирок биздин аракетибизден эч майнап чыкпай, дагы да болсо балдар уурдалып, дайыны жок жоголуп жатса, мени кантип ой баспайт. Кечээ эсиңерде болсо керек, өткөн жылы баласы жоголгон Бүбүканды көрүп, абдан кабыргам кайышты. Бул жалганда баланы, энеден ажыратпасын. Баланын күйүтүнөн кайран Бүбүкан алынан тайып калыптыр. Мотурайган, маңдайы жарык уулу бар эле. Ал азыр эмне күндү көрүп жатты болду экен? Айтаар кебим, эми силер оң кулагыңар менен дагы, сол кулагыңар менен дагы уккула. Мындан кийин биздин айылдан бала жоголбосун дагы, ата менен эненин сыздаган үнү чыкпайсын. Калмактарга сак болгула. Алардын бала уурдаганын кол менен кармап албаган соң, күнөөлөгөн дагы болбойт. Эки элдин ортосунда чыр чыкпасын, деги байкагылачы. Түндө түш көрдүм. Биздин айылдан бир нерсени кара күч, башка жакка алып кетти. Дагы бала уурдалып, ата-эне сыздабасынчы. Бул бир маселе. Экинчи маселе күз келди. Кыштын камын көрүү кандай болуп жатат? Менин баамымда кыш эрте түшчүдөй. Тиги тоонун башына эмитеден эле кар түшүп калыптыр. Андижанга өткөн калмактардын соодагерлери дагы кайра артка өтчү кези жакындап калды. Алардан кышка керек нерселерди сатып алып калгандай болгула. Бул алардын быйылкы жылы акыркы жолу өтүшү. Эми жаз келгенде гана өтүшөт. Жазга чейин соода-сатык токтойт. Сөз ар тараптуу айтылып жатып, акыры баары бир кепке келип, тарап кетишти. Жакшыбай карыя үйүн көздөй келе жатып, уурдалган балдардын тагдырына боору ооруп, кейип алды. Анан эмне кылат. Адам баласы картайып, жашоодон сабак алган сайын артында өсүп келе жаткан муунду ойлоп калары анык. Жакшыбай карыя чынында эле ушул жашка келгени башынан көп нерсени өткөрдү. Колуна кылыч кармап, калмактар менен урушту. Жылкы тийип кеткендердин артынан барып кайра кайрып келди. Кечинде теңтуштары менен бирге жигит каадасы кылып кыз жандады. Ат жалын тартып минип алыска барып эл, жер көрүп келди. Айтып олтурса ар бир инсан үчүн жаш кезиндеги күндөргө эч нерсе жетпейт.

Бир жолу Жакшыбай карыя кеч күүгүмдө ат менен жалгыз келе жатып, жыш мүрзөнүн арасынан уңулдап ыйлаган үндү угуп, атынын тизгинин тартып үн чыккан жакты тыңшап калат да, анан аттын башын буруп, жакын келип баласы уруштан каза болгон энени көрүп, аны аяп уруш чыгарган калмактарга абдан нааразы болгон эле. Ыйлап жаткан энеге кайрат айтып, үйүнө алып келип ошол үйгө түнөп калган. Эх, ошондогу эненин боздогону азыр дагы кулагына жаңырып, ошол күндү ушул кезге чейин эсинен чыгарбай келет. Карыя үйүн көздөй келе жатып, ойго алаксыды. Ушул бир келген жашоодо пайда көрүш үчүн, бала уурдап бирөөлөрдү сыздаткан калмактардын жоругуна ичи ачышып, көңүлү чөгүп, эмне айла амал кылышты билбей турду.

Күз мезгилинин башы. Аяк оона айынын аягы. Күз берекесин берип, ак төөнүн карды жарылган кез. Күн кыскарып, эртели кеч сууктун белгиси билине баштаган. Жакшыбай карыя айткандай Андижанга өткөн калмак соодагерлери бул жолу эмнегедир жалган шашкеде өтүштү. Жергиликтүү калк алардан майда барат нерселерди малга айырбаштап алып калышты. Калмактар соодасы бүтүп, айылдан эбак узап кеткенде, убакыт чоң шашкеден өтүп калган кезде, Аксаамайдын "чар" деген эле үнү чыгып калды. Бул кезде Эсет дагы үйдө эмес болучу. Кол арага жараган эркектердин баары мал менен талаада жүрүшкөн. Аксаамай ары чуркап, бери чуркап эле эшиктин алдында ойноп олтурган Сопуну таппай калды. Эненин жүрөгү бир нерсени сезет жана эч качан алдабайт эмеспи. Аксаамай дагы чар эткизе бакырганынын жөнү бар эле. Анткени алиги калмактар соода кылып жатканда, көзүндө калы бар, жашы алтымыштан өткөн, кара сакалчан адам, жаш балдардын арасынан Сопуну бир башкача көз менен караганын өз көзү менен көргөн. Анын жаман ою бар экенин учурунда элес алган эмес. Ары чуркап, бери чуркап үн салып, атынан чакырып баласын издеп жатканда, Шарапат деген келин дагы баласын издеп таппай калды. Бул кабар дароо айыл элине желдей тарап, эбак узап кеткен калмактардын артынан куугун жөнөдү. Алгачкылардын болуп Эсет алдыга ат салды. Аксаамайдын эки көзүнөн аккан жаш бетин жууп, эсинен танды. Эне үчүн баланын көз көрүнө жоголгону, кандай гана азап. Эки эмчеги сыздап, али балтыр эти толо элек баладан айрылган эне менен атанын арманын, азабын бербесин! Балапанынан айрылган канатуудай чыйпыйы чыгып, бир орунга олтура албай калганы аз келгенсип, болгон ишин таштап, көзүнөн жашы тыйылбаган Шарапат эч кимге ээ бербей, калмактардын артынан жөө жөнөгөн. Таманы тикенекке, ташка тилингенине эч караган жок. Анткени кармагандардын колунан жулунганда бутундагы бир бут кийими чечилип калган. Ага кайдан караганга дарман жетет. Баарына бала үчүн кайыл болгон эне байкуш, тилим-тилим болуп тилинип канаган таманына кайыл болуп, канаты болсо учуп жетип калмактарды көзүндө огу болсо бирин калтырбай атып салгандан кайра тартпайт эле. Кайран гана эне ай. Шарапаттын кадамы улам алдыга жылган сайын кечтин киришинен белги берип, күн дагы ылдыйлап бара жатты. Шарапат ага караган жок. Баладан тирүүлөй айрылганча, калмактардын артынан жетип, алардын колуна өлүп бергени артык болучу.

Көзүнө бир гана баласынын "апакелеп" ыйлаган элеси тартылып, Шарапат кырдан-кырды ашып, чарчаганын билбей бара жатты. Таштак жолго жеткенде таманы ооруп басканга дарманы жетпей калды да, болгон үнүн чыгарып чаңырып жиберди, кулунун карышкырга алдырган жылкы баласындай болуп. Бул кезде күүгүм кирип, караңгылык пардасы тартылып, тоо арасын коркунучтуу элес каптап калган.

Так гана ат жолдун ортосунда чалкасынын жатып, ооруган денесине кайыл болуп, томураңдап ойноп жүргөн баласынын ар бир жоругун эстеп, эне байкуш ээн талаада дарманы кетип эс алганча жатканда, жакын жерден карышкырдын улуган үнү чыкты. Ага дагы караган жок. Баладан айрылгандан көрө, карышкырларга жем болуп бул дүйнөдөн өтүп кеткен алда канча жеңил болучу. Бир кезде жакын эле жерден эненин кулагына жаш баланын кыңкыстаган үнү угулду. Энеде дароо үмүт пайда болуп, жер тыңшап, оң кулагын жерге такады. Бир аз убакыт өткөн соң баягы үн даана угулганда, Шарапат болгон үнүн чыгарып, тынч жаткан тоо ичин жаңыртып, кыйкырып алды " Байкуту, Сопу!?" - деп. Анткени айылдан эки бала жоголгонун билет да. Андан дагы баласы Байгуту, Сопу менен ойноп жатканын кошуналары көрүптүр. Бирок тиги калмактар кантип жана кайсы убакта эки баланы уурдап кеткенин билбей калышканы, баарына табышмак. Шарапаттын ачуу үнүн артынан издеп келе жатышкан беш-алты аял, эркек даана угушту. Бул кезде асманда жылдыздар чыгып, күндүн теңи болгон түн пардасы тартылып, көзгө сайса көрүнбөгөн караңгылык айлананы каптап калган. Шарапат үн чыккан жакка жакын келип дагы үн салды "Байгуту, Сопу" деп. Кайран гана эне ай. Эненин үнү бул саам баштагыдан катуу чыкты. Колу-буту таңылуу Байгуту апасынын үнүн укканда кысылган деми ачылып, таңылуу оозун болор болбос бошотуп "апа" деп, алсыз чаңырганда Шарапатка даана угулду. Баласынын үнүн укканда шашып, калдастап, алапайын таппай калды. Бир жагынан сүйүнүчү койнуна батпай, уулунун үнүн укканда, баятан бери тарткан азабы түккө турбай, көздөрү жайнап, али дайыны билине элек кубанычтын белгиси, болгон дитин ээлеп алды:

- Байгуту, балам, деги сен кайдасың, үнүңдү дагы бир жолу чыгарып койчу?! - деп жан талаша үн катты. Аңгыча артынан издегендер дагы келип калды. Байгуту эптеп колу менен таңылган оозун болор-болбос бошотуп, бул жолу үнүн жогору чыгарды. Шарапат баласынын үнүн даана угуп, үн чыккан тарапка караганды, кожогатты, тикенек, аң-чуңкурду карабай кадам таштады. Бир кезде буту суурдун ийнине кирип кетип, жыгылып кетти. Бирок ооруксунган бутуна караган жок. Ошондо дагы үнүн чыгарып, кыйкырып алды. Жоолугу башынан шыпырылып, чачы саксайып, бетин жаап, көзүнө эч нерсе көрүнбөй, бир жагынан алдыга кадам таштаганга тоскоолун тийгизип алды жакты көрө албай жатты. Ушул кезде колун созуп чачын иреттеп, жоолугун оңдоп салынып алганга дагы жараган жок. Дале болсо көзүнөн аккан жаш бетин жууп, уңулдап ыйлап да алган. Алты кана тикенек өскөн тоо бети менен улап өйдөлөп чыгып бара жаткан Шарапаттын денеси ооруну деле сезбей калды. Мына эненин балага болгон бир гана жоругу, бала деп соккон жүрөгү, бала үчүн көргөн далалаты. Бирок бала, эненин жан аябаган ушундай эмгегин баалай алабы, аны ачык айтып болбойт.

Шарапат улам өйдөлөгөн сайын шайы кетип, эми кудум жаңы эмгектеген баладай жөрмөлөп, эки колу менен колуна эмне илинсе аны кармап, зоо бетине чыгып бара жаткан шамдагай кишидей тартынып, он беш метрдей алдыга жылды да, дагы үн салды:

- Байгуту, балам, мен апаңмын, барсыңбы?! - деп. Эх, эне ай, ай талаада баарына кайыл болуп, бала үчүн далбас уруп, баласынын үнүн дагы бир жолу угуп калсам экен дегенде эки көзү төрт болуп, эмне деген гана асыл үмүт менен караңгыга карабай тоо бети менен жөрмөлөп өйдө чыгып келе жатканына бир гана түн күбө болуп турду. Илгери үмүт менен күткөн баланын үнү бул саам абдан жакын жерден чыккандай болду. Артынан келгендер жыйырма кадамдай Шарапаттан алыс эле. Алар дагы баланын үнүн угуп, жабыла үн чыгарышты. Топ элдин чурулдаган үнүн уккан жакын жерде үйүрү менен жүргөн карышкырлардын улуган үнү жап болуп, башка тарапка орун которуп кеткенге эчак үлгүрүшкөн.

Курган эне уулунун алсыз үнүн угуп, сүйүнүчтөн жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй тез-тез дүкүлдөп соккону өзүнө да угулуп турду. Шарапат күчүн жыйып дагы алдыга жылып жакын келгенде, жаш бала таңылуу оозун эптеп чечип, болгон күчү менен кыйкырды "Апа, мен мындамын!" деп. Шарапат үн чыккан жакты элеңдеп карап, сүйүнгөнүнөн көзүнө келген жашты аарчыганга дарманы жетпей, жыгылып -туруп, баласы жаткан чуңкурчага жетип келип эле, боюн таштап салды да, баласын кучактаган тейде, буркурап ыйлап жиберди. Кайран гана эне ай! Адамды нурга бөлөп жашарткан, күндүн нурун, өмүрдүн азыгын каалап, баланы тарбиялап өстүрүп, азабы менен жыргалына өнөктөш болгон энеге даңк! Шарапат баласынын жытын жыттап, жоготкон бакытын таап алгансып, кайра аны бирөө тартып кетчүүдөй кучактаган колу карышып калган. Байгуту дагы мотурайган кыска колун энесинин мойнуна артып, үнүн чыгарып уңулдап ыйлап алган. Артынан келгендер бала менен эненин коюн-колтук алышып, чуңкурчада кучакташып ыйлап олтургандарын көрүп, алар дагы көздөрүнө жаш алышты. Шарапат бул жашоого жаралганы азыркы уулун тапкандай сүйүнбөсө керек. Ушул жерден дагы бир жолу эненин ыйыктыгын, бийиктигин, асылдыгын билсек болот. Көрсө бул жалганда жан болобу, мал болобу эне үчүн баладан өткөн баалуу эч нерсе жок белем. Чуңкурчадан чыкканда гана Шарапат бутунун, денесинин ооруганын сезди. Артынан келгендер чечилип калган бут кийимин ала келишиптир. Бирок ал бутуна батпай койду, тилинген таманы шишип кеткендиктен.

Түн ортосунда гана Шарапатты жетелешип, баланы көтөрүп баарысы чогуу айылга келишти. Бул кезде куугунга кетишкендер калмактарга жете барышканы менен алардын болгон жүгүн чачып, карагандары түккө турбай жоголгон балдарды таба алышпай, алардын алдаган тилине ишенип, жаңы эле келишкен. Байгуту бала болсо дагы болгон окуяны үстүртөн айтып берди.

- Биз, Сопу экөөбүз үйдүн жанында ойноп олтурсак, эки киши келип бизди өздөрүнө чакырышты " чүкө беребиз" деп. Биз алгач алардан коркуп жакын барганыбыз жок. Анан улуурагы чөнтөгүнөн кооз оюнчук алып чыгып, бизге көргөздү. Андай оюнчукту биз бир да жолу көргөн эмеспиз. Алгач мен жакын барып, тиги оюнчукту колум менен кармап көрдүм. Анан Сопу жаныма келип оюнчукту колу менен кармаган кезде, экөө оозубузду басып, дароо таңды да, көтөрүп жөнөштү. Ары жакта аттары бар экен. Бизди атка арта салышып эле кокту менен өйдө чаап жүрүп беришти. Канча жол жүрдүк билбейм, бир кезде мени алып бара жаткан кишинин аты суурдун ийинин басып алдыбы, билбейм, ат жыгылып кетти. Биз дагы аттан жыгылдык. Ошондо мен бир топ ылдый тоголонуп барып, алиги чуңкурчага түшүп калдым. Шашып жаткан экөө мени кайра атка артып кеткенден эриништиби же мени таппай калыштыбы ким билет, таштап салып кетип калышты. Андан дагы мен чуңкурга түшкөндө эсимди жоготуп койдум. Балким алар мени "өлүп калды" деп дагы ойлошту болуш керек. Чынын айтсам калганы эсимде жок.

Бул сөздөрдү толук уккандар, балага боорлору ооруп, бир жагынан Шарапатка ыраазы болушту. Эгер ал артынан издеп барбаган болсо, бала карышкырларга жем болот беле ким билет? Байгутудан, Сопунун дайынын уккан Эсет менен Аксаамай шалдырап эле олтуруп калышты. Ушул жерден алгач Эсет баягы көргөн түшүн эстеп, Аксаамайга кайрат айтты:

- Эч кам санаба, уулубуз кайрылып келет. Билесиңби, баягыда менин көргөн түшүмдү? Колума ак куш конгондо, бир кара киши алып кеткенин. Анан ак куш кайра кайрылып келгенин. Мен эртең таң эрте туруп, кайра калмактардын артынан барам дагы, баламды кайрып алып келем деди.

Бул кабарды уккан Жакшыбай карыя кабагын түйүп:

- Кап, Эсетке жаман болгон турбайбы. Мен өткөндө эле эскертип айткам, "калмактардан сак болгула" деп. Ушул окуя болоорун алдына ала билген элем. Бул Эсеттин уулу учуру келгенде "элге алымдуу уул болобу"- деп дагы ойлоп калдым. Анткени ал менин түшүмө кудум ак куштун өзү болуп кирбедиби. Бул бала жөн бала эмес. Балким калмактар баладан бир сырды байкаган үчүн уурдап кетиштиби деп калдым. Бирок буга чейин эле жаш балдар уурдалып жатпады беле... Чын эле уурдаса, анда жол боюндагы балдарды эмнеге уурдаган жок дагы, айылдын четинде жашаган Эсеттин үйүнө кантип барып калышты? - деген суроого жооп таба албай, ар тараптуу ойлорду ойлоп, таң эрте Эсетти өзүнө чакыртты.

Бул учурда Эсет жаңы гана уулун издегени аттанып кеткени жаткан. Жакшыбай карыянын чакыртканын угуп, азыраак өкүнгөн болду да:

"Жарыктык киши эмнеге чакыртты болду экен, кап кичине эртерээк чыгып кеткенимде, жол арбытып алат элем" деп, алты амалы кетип, аксакалдын сакалын сыйлап бастырып келди. Учурашып, ал жайды сурашкан соң Жакшыбай кайрат айтты да, Эсетти жолдон алып калуунун амалы кылып:

- Эсет, өзүңө кел, эмне жаш бала болуп калгансыңбы? Сен кечээ эле барып алардын болгон жүгүн чачып, жолдон калтырып чыр салсаң, эми минтип кайра артынан барып дагы догурунсаң, сени алар ким көрдү кылып жок кылып салса, кандай айла кыла аласың? Андан дагы алар азыр сен барганча өздөрүнүн чегине кирип барат. Балким балаңды башка калмактар уурдасачы? Аны так билбеген соң ачууга алдырып, опурулганың түккө турбайт. Уурдалган бала уурдалды. Эми анын амандыгын тилейли. Бала менен кошо сенин дагы жоголушуңду биз каалабайбыз. Айткан тилди алып, өзүңдү сабырлуу тут. Менин түшүмө сенин уулуң кирген, бирок эч айла кыла алганыбыз жок. Бул дагы уулуңдун тагдыры. Маңдайга жазган жазуусу ошол. Мындан ары башка балдарыңдын амандыгын тиле. Менин сага айтар кеңешим, жаныңа бир жакшы, тың жигитти алып, жок издемиш болуп калмактардын айылына өт. Баланы анан астыртан акмалап изде. Болбосо башка айла-амал таба албайбыз.

Бул сунуш Эсетке абдан жакты. Жакшыбайдын таасын жана жеткиликтүү кылып айткан сөздөрү чындап ойго салды да, өзүнүн баштапкы оюнан кайтты. Бирок, баланын азабы жанын тынч алдыра койгон жок. Баарынан дагы түшүнөн аян берилип, көргөн түшүн жорутуп, акыры уулу минтип кол арага жарап, көзгө көрүнүп калган кезде, алдырар - күнү жаздырар болуп, көптү үмүт кылган баласынын тирүүлөй айрылганы Эсетти акыры алыс жолго алып чыкты.

Калмак жергесинде



Сооданын кыныгын алган Сабитахун байлыктын азгырыгына улам барган сайын тереңдеп кирип бара жатты. Андижанга барып келген сайын ойго келбеген акчага маарып, баштагыдан бой көтөрүп, сүйлөгөн сөзү жогору чыгып, малай жумшаганга дагы жетишти. Анткен менен Сабитахундун өзүнүн болор-болбос сынчылык жайы бар. Бир нерсени тез баамдап, боло турган нерсени алдына ала биле койгон өнөрү бар. Анча-мынча баланы же чоң кишилерди сынай койгон адаты бар экени, өз чөйрөсүнө маалым. Ал турсун аялдарды дагы сынынан өткөрүп, кайсы аялдан чыгаан уул төрөлөт биле койгон сырын, эч кимге билгизбей келет. Ооба, бул өнөр атасынан оогон. Кээде айтып койгон сөздөрү туура чыгып калган учуру болуп, ушул өнөрү менен көпөстөргө, байларга, эл бийлеген төбөлдөргө анча-мынча кадыры бар жана сөзү өтөт. Демек, чоң адамдар менен табакташ десек жарашат.

Сабитахун, Андижанга өтүп бара жатканда эле жол жээгинде ойноп жүргөн балдардын арасынан Сопуну көзү чалып, кызыгуусу арткан. Бирок аны кантип уурдап кетүү керек экенини ичинен ойлоп койгон болучу. Сынчынын көзүнө чалдыккан Сопу бир нерсени сезгенсип, элүү кадамдай нары жакта өтүп бара жаткан калмактарды бир башкача көз караш менен карап, үйүн көздөй чуркап жөнөгөн. Көзүндө калы бар, Сабитахун айылдан бир топ узаган соң сөз алды:

- Бул буруттар кыйын калк болот, аз болушса дагы. Билбейм булардын суусунанбы же жериненби, көзгө илине турган чыгаан уулдар көп чыгат. Былтыркы жылы дагы биз уурдап барып уйгур байына саткан баладан мен бир сырды байкагам. Анын жанына мен жакын жолой албай, аптыгып, сүрдөгөн элем. Сыймыгы күчтүү экенин дароо билген болчумун. Бул жолу дагы силер эч нерсени байкаган жоксуңар. Алиги жол жээгинде ойноп жүргөн балдардын арасынан келечекте олуя, алдыны көрө билген, сынчы боло турган баланы көзүм чалды. Ал баланы тезинен колго албасак олуялык, билгичтик, алдыны көрө билген көрөгөчтүк кыргыздардын укумунан-тукумуна өтүп, кыргыз элинде көрөгөч адамдын тукуму үзүлбөй калат. Мындай сапат кандай элден чыгат, билбейм. Мактанбайын, сынчылык сапат менде бар, бирок бул буруттардын сынчыларынын жанында менин сынчылык өнөрүм суу кечпей калат. Бирок мен алиги баланын келечегинен чоң нерсени көрдүм. Андай бала жөн элден, жөн уруудан чыкпайт. Бул сөздү уккан соодагерлердин ана башчысы Батурхан сөздү бөлүп:

- Сиздин айткан кебиңиз чын болсо кайра артка тартканда, алиги сиздин көзүңүз түшкөн баланы биз менен бирге алып кетели. Уурдай жүргөн жаныбыз, уурдап кете беребиз. Айылыбызга барганда көзүн тазалап же бирөөнө малайлыкка сатып жиберебиз да, пайдасын көрөбүз. Баса, биз соодага чыгарда баягы уйгур бай Наримжан "малай алып келип бергиле" деген. Ага чоң акчага сатып жиберсек, пайдасын эле көрүп, акчага маарыйбыз. Бул сунушту Сабитахун абдан туура көрүп, ойго алаксып кетти.

Бирок, анын жүрөгүн эзген бир нерсе, каргышка калгандан коркуп келет. Чылкый кара атынын жалын тиктеп бара жатып ойлоп койду "ушул бала акыркысы болот, мындан кийин бала уурдаганыңарды токтоткула деп айтам" деген ойго такалды. Бул иш өзүнүн өнөрүнө төп келбейт. Сынчы бирөөнүн убалынан коркуш керек болучу. Акча кубалап, байлыктын артынан түшкөнү ак жолдон чыгып, чоң күнөөгө батканын сезип келет.

Андижан шаары. Кыжы-кужу базар ичиндеги соода жүрүп жатты. Эл деген тим эле быкылдап батпайт. Мал базардан чыгышкан соодагерлер курсак тойгузуп алуу үчүн уйгур ашканасына киришти. Тээ илгертен уйгурлардын ашпозчусу аял эмес, эркек. Ал эми Кыргыздардын эркектери менен калмактардын эркектери казан аяк кармашпайт "баштан сыймык качат, идиш аяк кармаганда" деп, казан - аяктан, аял киши жасаган иштен бойлорун алыс тутушат. Ат жалын тартып минип, жоокер калк болгон үчүнбү, уйгурлар менен өзүбектер жасаган тамакты жасаганга таң калып келишет "кантип жасашат" деп. Ар бир улуттун айырмачылыгы бар эмеспи. Сабитахун бир кезде ысык чайдан ууртап алып:

- Бул жолу соодабыз ойдогудай болду. Эми биз бул жерге көпкө кармалбай алчу нерселерди тездеп алып, жолубузга түшөлү. Бизди базардагылардын көбү байкап калышты, тонотуп жибербегендей бололу. Мал базардан бир алп денелүү өзүбек ушундай бир көз караш менен карады. Анын көзүнө чалдыкпайлы, бир балээни баштабасын деп, сөзүнүн аягына чыкпай дагы шорулдатып чайдан ууртап, жанындагыларды карап алды "эмне дейсиңер?" дегенсип. Бул сунушту баары туура көрүшүп, каршы эмес экендиктерин билгизип, унчукпай калышты эле, четте олтурган Пазыл:

- Сабитахун ака, биз Ибрагимге жолукпай эле кете беребизби? Ал бизди күтүп жатпайбы. Андан ала турган дагы нерсебиз бар эмес беле? - дегенде, Сабитахун кабагын түйүп:

- Ал такыр эсимден чыгып кеткен турбайбы. Ырас эстетпедиңби. Анда бүгүн ал жакка баралы да, аны менен да кеңешип көрөлү. Балким ал дагы жакшы сунуш айтып калар деп, сөз бүттү дегенсип, бир жерди тиктеп ойго алаксып кетти.

"Акча бар жерде тилиңди тишиңе кат" деп бекер айтышпаса керек. Бул жалганда көп чырдын башы байлыктан башталган эмеспи. Сабитахун базар аралап келе жатып, көпчүлүктүн ичинен бир кишиге көзү түшүп калды. Ал эч кимге билинбей артынан аңдып келе жаткан бирөөнү байкаган жок. Ал киши көзгө толумдуу, ичинде кири жок, баё мүнөз күткөн, боюна жарашыктуу кийим кийген, жакшы адам экенин байкап, жанына катар келип акырын үн салды:

- Курдаш, байка, сени аңдыган бирөө бар, акчаңа сак болгондой бол деп, айтты да, эч сөз айтпаган адам болуп анын жанына узап кетти. Тиги киши эми гана эки жакты алаңдап карап алып, дароо эскертип айткан кишини карады. Бирок бул кезде Сабитахун ал жерден узап кеткен эле.

Ибрагимге жолуккан күнү дагы эки күнгө кармалууга туура келди. Анткени ал Хива шаарынан чоң товар келе жатканын айтып, күтүп турууну эп көргөн.

Ооба, соодадан келип, бала колуна тийгенге чейин Сабитахун ичинен санаа чекти. Көз алдына көзү жайнаган мотурайган баланын элеси кетпей койду. Ал турсун ал баладан дагы көп нерсени үйрөнчүдөй болуп, кандайдыр бир үмүт пайда болду. Качан гана тиги айылга жакындаганда, алты соодагер жакшылап план түзүштү. Алгач баланы таап, анын изине түшүп алып кетүүнү биринчи планга коюшту.

Сабитахун айылга келгенде эле майда балдардын арасынан көзүнө тааныш баланын караанын издегенге өттү. Бирок өзү күткөн баланы таба койгон оңойго турбады. Ичинен эзилип санаа чекти "бала башка жакка кетип калбаса экен" деп. Бир кезде сулуучумак келген аялды ээрчип жанында турган Сопуну көргөндө, кабагы жазгы күндүн нурундай ачыла түштү. Бирок, тиги аялдын кан какшап баласын издээрин эстегенде, сынчы болуп жаралап калганына өкүндү. Бул жолу соодага чыгышканда "бала уурдабайбыз" деп сүйлөшүшкөн. Бирок убаданы өзү бузуп, көңүлү Сопуга бурулуп калбадыбы. Саяпкер күлүк атка кызыкса, сынчы чыгаан уулга кызыгаары айдан ачык экенин жашырып болбойт.

Атка тың, эки жигитке баланы көзү менен көргөзүп, артынан түшкүлө деген белгини бергенде эле, тиги экөө Аксаамайдын артынан аңдып барышты да, үйдү акмалап турушту. Кеминде эки сааттан ашык убакыт өткөндө гана эки бала колдоруна тийди. Байгутуну алышмак деле эмес. Эгер аны таштап кеткенде анда арттарынан куугун түшүп калат болучу. Ошол себептен экөөнү бирдей алып кетүүгө туура келди. Бирок, жолдон Салкаштын минген аты мүдүрүлүп кетип жыгылып, бир баладан кол жууп калышты. Шашкан экөө такыр башка жолго салып, тиги жолдошторуна калмактардын чегинен жолугушмак болушкан. Эсеттер кубалап келишкенде, Сопуну жалгыз аяк жол менен алып кетип бара жатышкан. Ээрге бөктөрүлгөн Сопунун денеси ооруп, чыдабай калганда, аны тиги калмак колу бутун чечип, атына өңүрүп алды да, качсаң артыңдан жетип жаныңды алабыз деп коркутуп коюшту. Али эч нерсени түшүнө элек жаш бала коркуп, эч сөз кайрып айта алган жок. Аңгыча караңгы да кирип, жолоочулар тоо боорундагы чоң үңкүргө келип байыр алышты. Жаш болсо дагы санаа чеккен Сопу таң аппак атканга чейин уйку бетин көрбөй ойго жатты. Көз алдына апасы келди. Ал издеп жүргөнүн эстегенде белинен жип менен таңып, колуна жиптин бир учун байлап койгон өңү серт калмак жигитти тымызын карап койду. Эгер эптеп эле экөөнүн колунан бошонуп чыкса, карматпай кетээрине ишенип эле турду. Бирок белиндеги жипти чечүү колунан келе койгон жок.

Эртеси туруп эле, таң эрте кайра жолго чыгышты. Минген аттар таң атканга чейин оттогонго баскандары тың болуп, алып-учуп калыптыр. Анча бийик эмес бөксө тоолорду ашып кыя жолдор менен тоо беттеп жүрүп олтурушуп, качан гана калмактардын чегине жеткенде Сопунун үмүтү үзүлдү. Болбосо буга чейин атасы баш болгон кишилер артынан кууп келе тургансып сезиле берген.

Жылаңач, бир түп багы жок боз тоолор көзгө комсоо көрүнүп, кунары качкан кызыл чаптар күнгө тууруккан малдын терисиндей кубарып, канча жылдан бери чөп өспөй турганы-турган. Ушул чаптардын так этегинен өткөн баш-аягы көрүнбөгөн ат жолдун оң тарабындагы ойдуң жерде эки калмак тим эле атагы таш жарган баатырды кармап келишкенсип, өздөрүнчө маашырлана аттарын тушап коюп, боз топуракка чалкасынан жата кетишти да, катуу чарчаган адамдай көздөрүн жумушту. Жылдызы качып, көзүнүн нуру өчкөн Сопу аларды караган да жок. Анткени эми мындан ары экөөнөн тырмактын учундай ырайым болбосун жаш жүрөгү менен сезди. Эгер курагы тигилер менен тең болгондо, анда экөөнүн колунан жөн эле кутулуп кетмек беле... Ооба, тиги экөө сырттарынан өткүр көрүнгөнү менен жүрөктөрү мококтой сезилди. Сопу жаш болсо дагы ички туюу сезими менен сезип, уурдай качкан экөөнү сынынан эбак эле өткөзүп койгон.

Эки колу таңылуу, кара кыл чылбыр менен. Чын эле экөөнүн биринде эле баатырдык сын болгондо, балтыр эти толо элек жаш баланын колун бош эле коймок " жаш бала кайда качып кетет эле" деп. Сопу түнү бою уктабаганга денеси талып, канчалык жаны жер тартып турса дагы боз топуракка денесин ыраа көрбөй, зыңгырап гана олтурган тейде Байгутуну эстеди. "Ал жанагы чуңкурда жаткан бойдон эмне болду экен? Жок эле дегенде оозу таңылуу болбогондо кыйкырса дагы бирөөлөр жардамга келип, жаны аман калат беле" деп ойлоп койду.

Түш жарым убакытта, баягы өзүн тикирейе караган кара киши баш болгон соодагер калмактар, соодадан түшкөн малдарын айдап, жүктөрү жүктөлгөн аттарын жетелеп, жөн эле жоо чаап, жылкы тийип келишкенсип, чарчаган түр менен келип калышты. Сабитахун зымырайып олтурган Сопуну көргөндө, көздөрү жалтактап, өңү бузулуп, жүзүн тетири буруп жиберди. Ушул жерден билди, өзүнүн сыймыгынан тиги жаш баланын сыймыгы күчтүү экенин. Соодагерлердин башчысы Батурхан аттан түшүп эле Сопунун жанына келип, анын жылдыздуу көздөрүн тик карай албай, тайсалдай түштү да, оозуна алы келбей айтып жиберди:

- Сабитахун аба, сиздин көзүңүз түшкөн бала ушулбу? - деп. Бул сөз менен Батурхан, Сопунун алдында айтылган сырды, карта оюнундагы жашыруун картаны ачкансып, ачып салды. Сабитахун бул сөздү укканда көзүнүн чаарын чача карап, үн дебестен белги берди " байкап сүйлө" деген белгини. Сопу жаш болсо дагы тиги көзүндө калы бар кишинин талабы менен уурдалганын билип, андан көзүн алган жок. Бир кезде баары чогуу тамакка олтурушту. Сопунун алдына челпек нандан жылдырып, суусундук берген болушту. Курсагы ачкан Сопу, канчалык ачка болуп турса дагы сынынан жазбай, тигилердей тамакка үзүлүп түшпөй, нанды колуна алып, сыпаа чайнап жеди. Анын тамак жеп жатканы беркилерге билинген жок. Сабитахун байкатпай сын көзүн кадап олтуруп, Сопуга дагы ичинен ыраазы болду, жаш болсо дагы султандык кылып, сыр алдырбай олтурганына. Ооба, эл бийлеген султандар керек болсо тамак ичээрде дагы башкалардан өздөрүн жогору алып олтуруп, ооздорунан ашыкча сөз чыгармак турсун, оозуна салган даамды чайнаганын жан адамга билгизбейт. Ал эми түбү ачка, курсагы толук тойбогон пенделер тамак ичип олтурганда эле эмес, жөн гана топко келгенде ооздорунан сөзү түшүп, апкаарып калат. Сабитахун бир кезде элден окчун олтурган Сопунун ийининде конуп турган ак кушту даана көрүп, көзүн бар-бар ирмеп алып, кайра карады. Бирок, экинчи жолку караганда куш көзүнө көрүнө койгон жок. Бул жолу өзүнүн сынчылык өнөрүнө баа берип " Мен жаңылган эмес экенмин, бул баланы сынагандан" деп ойлоп койду.

Убакыт алга жылып, күн кылкылдап уясына батып бара жаткан кезде, соодагерлер эли көп, шаар тибиндеги чоң айылга келишти. Буга чейин мынчалык көп кишиси бар жерди көрбөгөн Сопу, канчалык таң калып турса дагы, элеңдеп эки жакты карабай мисирейип гана үн катпады, бирок ичинен эзилди. Ата-энесин, бир туугандарын, айылын эстеп, ичи эңшерилип, күч менен улуттунуп алды.

Эртеси алыс жолдон чарчап-чаалыгып келген калмактар, күн аркан бою көтөрүлгөнгө чейин уктап, уйкулары канып, өздөрүнө келишкен соң, бешим намазынын учурунда Батурхандын үйүнө чогулушту. Бир койду союп, казанга асып коюшкан. Соодадан түшкөн кирешени эсептешкен соң, чоң талкууга өтүштү. Сөз кезеги келгенде Сабитахун адатынча уккула дегенсип уй мүйүз тартып олтургандарды кыдырата карап алып:

- Бул жолу сооданын жакшы болгонунан дагы мени абдан сүйүнткөн нерсе, биз буруттардын келечектеги сыймыгы болгон баланы мында алып келгенибиз чоң олжо болду. Эгер биз муну колго түшүрбөгөндө, буруттардын жашоо шартын оңдогонго, аларды түз жолго салганга чоң салымын кошкон, эки кылым алдыны көрө билген, силер маани бербеген баладан чоң олуя чыкмак. Андан дагы бул баланын тукуму, тактап айтканда мындан төрөлгөн бала болгон буруттарды башкарып, бизди эле эмес, дини каапыр орустарды жерине жакын жолотмок эмес. Ал турсун биздин элге үстөмдүк кылып, бул жерден алыс кууп салат болучу. Мен ушунун баарын билип туруп, тиги баланы уурдаганга жол ачтым. Эми мен силерге гана айтайын, эч кимиңер сыртка чыгарбагыла деп олтургандарды текши карап алып, анан кайра сөзүн улады.

- Бул бала бизде жүргөндө өзү эле эмес, мунун тукуму дагы бизге жакшылык кылбайт. Бул жагын ойлонуштуралы, - деди эле, дене бою олбурлуу, өзүн баатыр сезген, өңү кара, башы чоң, сол бетинде кылыч тийген тырыгы бар, Илеби кытмыр күлүп:

- Сизди сынчы десе жөн эле андан ары бул мадыра баш баланы көкөлөтүп, ага эч кимди теңебей салдыңыз го? Эгер ушунчалык эле анын кыйындыгына көзүңүз жетсе , сөздү ырбатпай азыр эле көзүн тазалап салалы. Болбосо мындан ары ал кенедей буруттун баласын бизге сиз, ыйык көргөзбөңүз. Аны эне тууса, бизди дагы эне тууган. Эмне анын төрт колу, төрт буту бар экенби, ошондой кыйын болуп бизге залалын тийгизгидей? Көрдүм кадимкидей эле жаш бала экен! Илеби ачууга алдырып бир топко опурулду эле, Сабитахун тигинин сөзүн аягына чейин чыдап угуп болуп:

- Эй, акмак, сен тим койсо эмне деп эле былжырап жатасың?! Эмне өзүңдү кыйын сезип калдыңбы? Эгер биздин элде чыгаан баатырлар болгондо, кичине болсо дагы мекенибиз болот эле го? Бул жактан кытайлар кысып салса, тиги жактан монголдор кысса, жогорудан буруттар кысып минтип уйгурлар менен жамаатташ болуп жашап жатпайбызбы. Ал эми мен кеп кылган буруттардын эли аз болсо дагы ээлеген жери бар, мекендеген мекени бар. Жерин сен кыдырып көрдүң беле. Ала-Тоосунун бийиктиги, Ысык-Көлүнүн тунугу, карагай-шакка бай жеринин кооздугун айт. Алар билинбегени менен баатыр жана көчмөн калк келишет. Ошол себептен алардан баатырлар, алдыны көрө билген олуялар, акылга дыйкан адамдар көп чыккан үчүн, минтип жаш баласын уурдап келип, бизге кызмат кылууну ойлодум. Айтты койду дебегиле. Эгер ушул бала бизде аман жүрсө, элибизге жарыгы тийбей койбойт. Бул баланы жан тазилим кылган кишинин тукуму соолуйт, эли жакшылык көрбөйт. Айтарым бул, баланы биз пайдаланып калалы. Азырынча бирөөнө малайлыкка сатып жиберип, кийин колго алалы. Бул сунушту баары бир пикирден колдогон болушту. Сөз кезеги келгенде төрдө олтурган сакалдуу арык Шамыр деген киши олтурган ордунун копшолуп алып:

- Сабитахун, Илеби айткандай чын эле сен бул буруттун баласын абдан катуу мактадың. Биз бир гана сенин сының менен бир бүтүмгө келбей, Кашкардагы көзү азиз болуп калган Задибай сынчыга дагы көргөзүп, анын дагы пикирин угуп көрөлү. Айткандай биздин дагы чыгаан баатырлар болгон жана бар, буруттардын баатырларындай. Бир гана биздин элдин кендирин кезген жерибиздин тардыгы жана элибиздин биримсиздиги. Буга далил катары азыр эле биздин талаш-тартышты мисалга алалы. Менин жеке оюмда "бөрү баласы ит болбойт" дегендей, тиги бала буруттун бизге жарыгы деле тийбейт. Аны Задибай сынчы менен кеңешип иш кылалы. Балким бир жерин майып кылып, сыймыгын оодарыш керекпи аны дагы ойлонуштуралы деди. Бул айтылган сөз дагы тиги жерде сөз угуп олтургандарга жакты. Ар тараптуу сөздөр айтылып, талаш бир топко созулду. Акыры бышкан тамак тартылып, бака-шака түшкөн калмактар шам намазынын убагында гана тарашты.

Эртеси айтылган сөз боюнча Илеби, Шамыр баш болгон бир топ аттуу баштуу киши атайын келип Сопуну көрүштү. Тим эле күлүк жылкы баласын же айдай сулуу кызды сынаганы жана көргөнү келишкесип, көздөрүн тимирейтип, киши көрө электей карашты. Сопу тигилердин сынап жатканын жаземдебей билип, аларды тик караган жок жана сыр алдырбай жер карап олтуруп алды. Шамыр көзүн албай бир топко караган соң башын чайкап:

- Бул бала Сабитахун айткандай жөн бала эмес көрүнөт. Эртең алып жөнөш керек, Кашкарга. Анткен менен жылдызы жанган, адамга жамандыгы жок жан экен. Кайран гана бул баланын атасы менен энеси ай. Бала эмес короодон чычкак улак жоголсо ызы-чуу түшүп издейбиз. Мындай мончоктой баланы жоготкон ата менен эненин тарткан азабын көз көрбөсүн дагы, башка салбасын. Былтыр уурдалып келген буруттардын жаш баласы, өткөн базарда бала күрөштөн баарын жыкты. Аны сатып алган уйгур эле акчага маарып, кадыры өстү. Келечекте ал баладан чоң баатыр чыкчудай элес берди, ага көпчүлүктүн көзү тийбесе болду. Биздин айылдын менменсинген төрөсүнүн дагы кыйынсынган жаш балбанын көтөрүп урду эле, жыгылган бала эле эмес, төрө дагы боз ала болуп ал жерден кеткенче шашты. Бул буруттар көчмөн калк болушканы менен жоокер эл эмеспи. Баатырлары жүрөктүү, кыз-келиндери жашоо шартына чыдамкай келет. Ошол себептен булардын элинен сынчы, баатыр, балбандар көп чыгат. Тээ илгери Манас деген баатыры кылкыдаган кытай элин кырып, сез көрсөткөн экен. Ал жөнүндө айтсам сөз учу түгөнбөйт. Илеби дагы жактырбаган түр көргөзүп, жаман көзү менен карап:

- Коюңузчу, эми сиз дагы буруттарды мактабай. Биздин элдин деле ооз толо айта турган баатырларыбыз болгон жана азыр деле бар. Ушул элдер кызык эле. Дайыма өздөрүнөн чыккан чыгаандарды көрүшпөйт дагы, башка элдин жакшы сапатын көрүп калышат. Бул буруттун баласы башка балдардай эле бала экен го, эмнеси менен айырмаланып турат? Сопу өзүн көтөрө сүйлөгөн Илебини көзүнүн кыйыгы менен карады эле, экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Илеби чын эле Сопунун бул көз карашынан бир сырды байкады, бирок ал эмне сыр экенин биле алган жок. Жүрөгү кысылып, көңүлү айнып, көзүнүн нуру кайта түштү. Анткен менен сыр алдыра койбой, артын карай бурулуп, далысын салып басып кетти.

Эки бир туугандын сапары



Тынымы жок ат бастырышкан Эсет менен Марка эки күн дегенде көздөгөн жерге келишти да, эмне кылышты билбей айылдын четинде чай кайнам убакыт туруп калышты. Убакыт деген токтоп турбайт аккан суудай агыла берет эмеспи. Эки бир тууган бир пикирге келишкенче эле жалган түш болду. Андайда ылайыктуу акыл чыкпай, ой уйгу-туйгу болуп да калары анык. Жөн эле калмактардын жерине келишсе эле бала табыла койчудай сезилгени менен минтип ойлогон ой, ойдогудай боло койгон жок. Түш ченде Эсет иниси Марка менен мал издемиш болуп айылга келип элге аралаша түшкөн соң, аз да болсо өздөрүн эркин сезишип, айылды тинте кыдырышты. Бирок өздөрү ойлогондой баланы көздөрү көрүп, аны таба коюшкан жок. Ал турсун эч кимден сурай дагы алышпады " уурдалган бала көргөн жоксуңарбы?" деп. Кечинде бир уйгурдун үйүнө жатышты, бир түн жата турган акысын төлөп. Уйгур орто жаштагы маңдайы жарык адам болгону менен баскан изин санаган сараң адам экени даана эле байкалды. Аны Эсет сөзгө тартты эле, уйгур ашыкча сөз оозунан чыгарбай кыска гана сүйлөп, берилген суроолорго жооп берген болду. Таң атканга чейин санаасы санга бөлүнгөн Эсет уйку бетин көргөн жок. Бөтөн эл, бөтөн жердин өгөйсүнткөнүнө өзү күбө болуп, туулган жер менен өз элинин кадырын эми сезди.

Көз алдына алыстан көзгө боз үй сыяктуу көрүнгөн ак мөңгүлүү, башында кар сактаган, дайыма мунарыктап, мемиреп боз тарткан, жайдын кайсы убагы болсо да үстүнөн томуктай булут кетпеген Ала-Тоо тартылып, туулган жерге болгон сагынычы эки күндө эле күч алганын тана албайт эле. Ал эми бул аймакта белгисиз убакыт кала турган уулу Сопуну эстегенде каңырыгы түтөп , көзүнө жаш тегеренип кетти. Бир түнөбөй эле калмактардын жашаган жерине батпай турганын жүрөгү менен сезди. Анткени тээ илгертен бери эле калмактар, кыргыз элине душман болуп келгени себеп болдубу ким билет, өзүн эркин сезе албай койду. Ушундай тынчы жок жерде кала турган уулунун тагдырын ойлогусу келбей көзүн жумуп, уктап алаксыгысы келди. Бирок кайдагы уйку. Эптеп уулун таап, айылына алып кетсе, өмүрүндө өзүнө-өзү ыраазы болот эле. Марка агасынын абалын айттырбай түшүнүп, эч сөз козгободу. Бир сөз айтса эле, агасы Эсет катуу сөз айтып жиберчүдөй же уулунун кайгысынан ыйлап жиберчүдөй сезилди. Андан дагы калмактардын жашоо турмушуна көңүлү тойбогонун, Эсеттин кабак-кашы эле билгизип турду.

Эки бир тууган таңкы наарды татышкан соң, кайда барышарын билбей түш жарым убакыт максатсыз айылды айланып кыдырып жүрүшкөндө, улуту өзбек Усман деген киши учурашкан соң, жан тартып:

- Мусулман бурадарлар, силер азыр тез аранын ичинде карааныңарды мындан үзгүлө! Болбосо калмактар кармап алышат дагы, аттарыңарды тартып алып, өзүңөрдү майып кылып коюшу толук мүмкүн. Силер мал издебей эле бала издеп жүргөнүңөрдү алар билишет. Эгер макул көрсөңөр, баланы талаадан издегиле. Анткени жаш балдарды алар алып келип байларга сатышат. Байлар балдарга мал кайтартат. Менин тилимди алсаңар жаман болбойсуңар. Силерге жан тартканымдын себеби, апам кыргыз кызы. Силер мага таяке болосуңар. Азыр айылдан чыгып, түндүк тараптагы тоо арасын кыдыргыла. Калмактар менен кыргыздар сөөк өчтү душмандар экенин эсиңерден чыгарбагыла. Шашылып эч жакка кылчактабай айылдан чыгып кеткиле.

Бул сунуш экөөнү дароо ойго салды. Баштарын ийкеп сөздү аягына чейин угушкан соң коштошуп, дароо айылдан чыгып кетишти да, талааны көздөй сапар алышты. Ооба, чын эле айылдан чыгышканда экөө тең кенен дем алышып, көңүлдөрү ачыла түштү. Беш чакырымдай тоо тарапка жүрүшкөн соң кой кайтарып жүргөн жаш балага жолугушту. Бирок бул бала кыргыз бала эмес экен. Аны сөзгө тартышты эле ал бала уйгур тилинде сүйлөгөндүктөн, тилин толук түшүнө алышкан жок. Бир гана "бурут бала ал жакта" деп айткан сөзүнө түшүнүшүп, бала көргөзгөн жакты көздөй аттарына камчы салып шашып жөнөштү. Эки коктуну басып өтүшкөндө, үч жүздөй койду кайтарып жүргөн жаш баланы көрүштү. Ал баланы көрүп эле экөөнүн көздөрү жайнай түштү. Анткени ал бала алыстан Сопуга окшошуп кеткендей болгон. Жакын келишсе, боор оруй тургандай кейиптенген жаш бала колуна ичке таяк кармап алган, көздөрүнүн жылдызы өчкөн, кийген кийми, кийим деген эле аты болбосо дал-дал болуп айрылган. Тил угуп жалтаң болуп калганы даана байкалып турду. Алгач эле Эсет күлө карап:

- Уулум, атың ким? - деди. Тиги баланын кыргыз тилин укканда дароо кубанычтан көздөрү жайнай түшүп:

- Кадыр, - деди. Эсеттин каңырыгы түтөп:

- Мында келип кой кайтарганыңа канча болду?

Кадыр кабагын түйүп:

- Бир жыл болду. Былтыр мени алдап мында калмактар алып келишип, Алдияр деген уйгур байга сатып жиберишкен.

- Кайдан келдиң эле?

- Байкелер, мени тигил жакта кожоюнум карап турат, кетип калыңыздар. Болбосо силерге залалы тийип калат. Мени бул жакка алыс жактан алып келген. Атамдын аты Самсаалы.

Эсет кабагын чытып:

- Сен билбейсиңби, кечээ жакында мында бала уурдап келгенин?

Бала башын чайкап:

- Билбейм байкелер. Аны коюп мени силер менен бирге алып кеткилечи. Атам менен апамды абдан сагындым, - деди, көзүн жашылдантып. Марка сөзгө келип:

- Кожоюнуң сураса бир үйүр жылкы издеп жүрүшүптүр деп айтып кой. Эртең ушул маалда тиги кырга чыгып тур, биз сени алып кетебиз. Бирок өзүңө сак бол. Биз барып кожоюнуңа жолугалы, болбосо бизден шекшип калат деп, аттарына камчы салып жөнөп кетишти да, анча бийик эмес тоонун кырында карап турган кишиге жакын келишип, саламдашкан соң, келген жөндөрүн айтышты. Алдияр кабак түйүп:

- Анча жылкыны бул жерден таба албайсыңар го? Колуңардан келсе Кашкардын базарына барып издеп көргүлө. Уурдаган киши акмак эмес да, чоочун жылкыларды ээн коюп, басып жүрө бергендей. Бирок ал жактын эли жаман. Сырттан келген жалгыз-жарым кишилерди аңдып, карактаганга көнүшкөн. Менин тилимди алсаңар, элиңерге кайткыла. Азыр бул жакта эл ичи тынч эмес. Уйгурлар менен калмактар келише албай турушат, жер талашып. Алдияр ээринип турганбы бир топ сөздүн башын айтты да, сөзүнүн соңунда:

- Эки күн илгери соодадан келген калмактар айдай келген малдарын тиги бетке чыгаргандай болушту, ошол жакты дагы карап көргүлө, - деди. Эки бир тууган анын сөзүн угуп, күн батыш тарапка ат бастырышканы менен ойлору бир жерге турган жок. Эсеттин өзгөчө жүрөгү канап, тиги кичинекей Кадыр көз алдына тартыла берди. Ал дагы бир шору каткан ата менен эненин баласы да. Сопум дагы ал баладай болуп жаштайынан талаада күнгө күйүп, шамалга бети туурулуп, таманы ташка тилинип, курсагы ачка кожоюнунун көзүн карап жалтаң болуп калат да. Эмне болгон күндө дагы мен баламды издеп табышым керек деп, ойго алаксып кетти. Экөө чоң коктуга келишкенде капыстан үч атчан алыдарынан чыкты. Келе жаткан түрлөрү жаман. Алар жакын келип эле эч саламга келбей:

- Эй, буруттар, бүгүн биздин жерди таштап чыгып кетпесеңер, тагдырыңарга тарынбагыла. Биз силерге мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Анткени биздин элге жериңерден соодага жол бергениңер үчүн. Билебиз силер бул жакка жылкы издебей эле башка максат менен келгениңерди. Азыр силерге адамча кайрылып жаткан соң, чыры жок кетип калгыла. Адам баласы бир гана жолу жашоого келет. Андыктан эң алгач өмүрүңөргө сак болгула.

Бул экөөнү көчөдөн көрүп калган Сабитахун жиберген болучу "сыйы менен кетип калышсын" деп. Анткени Эсет баласын издеп артынан келип жүктөрүн чачып, абдан катуу ыдык көргөзгөндө, таанып калган эле да. Баланын күйүтүнө чыдабай келгенине гана кечирим берди, болбосо мурунку күнү эле экөөнү карматып, аттарын тартып алып, бир чара көрүп коёт беле ким билет? Алиги Усман деген өзүбекти дагы Сабитахун жиберген, "кетирип жибер" деген ойдо. Эсет кабагы салыңкы:

- Силер биздин эмне максат менен келгенибизди билсеңер, анда бизге баланы кайрып бергиле, биз силерге сураган нерсеңерди бергендей бололу, - деди. Олбурлуу келген калмак башын чайкап:

- Бизде силер издеген бала жок. Айттым го сыйыңар менен кетип калгыла деп. Балаңарды башка жерге барып издегиле. Биздин жердеги жергиликтүү калк бала уурдабайт. Азыр силер менен акыйлашып турганга биздин убакыт жок. Кетип каласыңарбы же чара колдонолубу?

Булардын ниети бузула баштаганын билген Эсет акырын гана башын ийкеп, аттын башын тетири бурду. Бир жагынан тиги калмак айткандай бөтөн жерде өмүрлөрүн бергенче, сый менен кетип калууну ойлоду. Бул үчөөнүн оңой эле баштарын алып койгонго жүрөгү ишенип турду, бирок чекке чейин жол алыс экенин эске алды.

Жолдо келе жатканда Марка үн салды:

- Байке, ыгы келип турат, Кадырды алып кетсек кандай болот? Тигине, анын кожоюну ылдый жакта кетип бара жатат - деди. Эсет бул сунушка дароо макул болуп, атын теминип алды. Мындайды күтпөгөн чаптар ат чочуп кетип, жүрүшүн ылдамдатты. Экөө баягы коктуга келсе, Кадыр сууга түшкөн койлордун алдын тосуп, чоң ташка көчүк басып олтурган экен. Эки жакты аяр караган экөө чукул келишти да:

- Кадыр, бол тез. Биз сени апаңа алып кетебиз деди. Мындайды күтпөгөн Кадыр шашып калды. Жаңы эле кыялданып олтурган, өз жерине кетүү үчүн. Дароо башын көтөрүп:

- Байкелер кожоюнум эмне дейт? - деди, көзүн жалтаңдатып. Марка эңкейип колун сунуп:

- Келе колуңду, кожоюнуңа мына биз жооп беребиз. Бол тез, атка учкаш! - деп үнүн ишенимдүү чыгарды. Кадыр колун сунганда, Марка жеңил гана тартып алып, артына учкаштырды да, аттын башын коё берди, Ала-Тоону көздөй.

Эки бир тууган Сопуну таба албасына көздөрү жеткен үчүн, куру кетпей, жок дегенде бир баланы ала кетип, бир үйбүлөнү сүйүнтөлү деген ойго келишкени анык эле. Аттардын туяктары жерге тийип-тийбей арыш керип баратканда, чаң асманга сапырылып, жол арбып калмактын жерин улам артка таштап бара жатты. Кадырдын кубанычында чек жок, Марканы бекем кучактап алган. Аны көргөн Эсеттин кабагы ачылып "менин уулумду дагы туткундан бошото турган киши болсо экен" деп ойлоп койду. Кеч күүгүмдө гана чоң ашуунун түбүнө келишип, аттардын белин бошотуп отко коюшту да, өздөрү дагы курсактын камын ойлошту. Эсет эми гана Кадырга суроо берди:

- Кадыр, сен өзүңдүн айылыңды билесиңби? - деп. Кубанып көздөрү жайнаган Кадыр:

- Ала-Тоого жетсем эле элибизди оңой эле таап алам. Менин атам жыгач уста. Көп кишилер тааныйт. Мен атама жардам берип, боз үйдүн жыгачтарын жасашкан элем. Эсет эми эстеди Самсаалыны. Ал өткөн жылы баласын жоготкону "устачылыкты таштаптыр" деп уккан болучу. Эки сааттай аттарды чалдырышкан соң түнү менен Беделди ашып кетишти. Болбосо арттарынан куугун келип калышы толук мүмкүн эле. "Сактыкта кордук жок" дегендей, эки бир тууган олжолуу келе жаткандарына кубанышты.

Тагдырдын чечилиши



Жашы сексендин бешине чыккан, суйдаң кара сакалы бар, көзү азиз, бою жапыс, өзүн пакиза алып жүргөн, сөзгө сараң Задибай сынчы, Сопуну алып келишкен учурда жаңы гана наар татканы тасмал четинен орун алган. Келген конокторду адатынча муздак кабыл алды. Учурашып орун алып олтурушканда Задибай азиз көзү менен улага жакты карап:

- Силер эмне алыстан келген мейманды улагага калтырып кирдиңер? - деди. Ооба, чын эле Сопуну бала деп кире беришке калтырышкан болучу. Шамыр карбаластап сөзүн таппай калды да:

- Ал бала али жаш. Чоң кишилерге аралаша турган кези келе элек деп жаңы гана сөзүнүн аягына чыкканда, Задибай кабагын чытып:

- Ал бала азыр жаш болгону менен силерден кадырлуу адам болот, эгер өмүрүн берсе. Менин көзүмө ал бала чоң кишидей көрүндү. Кана балам, мага жакын келип колуңду мага сунчу деди. Сопу кадамын акырын таштап, чочулап көзү азиз абышкага жакын келди. Бала да. Биринчи жолу көзү көрбөгөн кишини көргөнгөбү, таң калып да алды. Задибай, Сопунун колун кармап бир топко турду. Кармаган колу ысып, жүрөгү бир башкача согуп, чоң сырды байкады, өзүнөн көзүн албай карап турган Сопудан:

- Бул баланы кайдан алып келдиңер? - деди. Берилген суроого алгач умтулуп дагы Шамыр жооп берди. Ал эми өзүн кыйын сезген Илеби астананы аттаганда эле сүрдөп тилин жутуп алгансып, тилден калган. Шамыр үнүн жай чыгарып, шилекейине какап кетти да, жөтөлүп алып:

- Буруттардан алып келдик, сизге сынаталы деген ойдо. Задибай бир саамга унчукпай туруп анан үнүн ачуулу чыгарып:

- Дагы бир ата менен эненин каргышына калган экенсиңер да. Мен силерге канча айтам " бала уурдабагыла" деп. Бул улуу Аллага жакпаган иш. Бирөөнүн көз жашынан пайда көргөн кантип жакшы болсун. Кана балам тамакка кара, курсагың ачкан чыгар деп, Сопуга жан тарта сүйлөдү. Сопу бул жакка келгени биринчи жолу жылуу сөз угуп, көңүлү аз да болсо өсө түштү. Адам көңүлү кандай назик. Калмактардын баарын жаман көрүп, аларга ичи жылыбаган Сопунун көңүлүнө жылуулук уялады. Анткени тиги киши көзү азиз болсо дагы дили таза экенин жаш жүрөгү менен сезди. Анткен менен бул үйдөн курсагы тоё тамак ичип, эмнегедир өзүн эркин сезди. Себеби тиги көзү азиз абышканын колунан жамандык келбесин билгенгеби же жылуу сөз уккангабы болор болбос кабагы ачылып, үй ичин сыдыра карап алып таң калды. Ооба, айылдан чыкпаган жаш бала мынчалык жасалгалуу үйдү көрө элек болучу. Бир кезде алиги абышка бала укпасын дедиби Сопуга кайрылды:

- Балам, сен сыртка чыгып тапчанга олтура турчу. Биз сүйлөшүп алалы. Жаш бала чоң кишилердин сөзүнө аралашпайт, - деди. Сопу башын ийкеп сыртка чыкты да, көрсөтүлгөн жерге келип олтуруп, сөз өзү жөнүндө болорун билип, кабагы бүркө айылын эстеди. Жаңы гана эмгектеп, көзгө көрүнүп калган инисинин жоругу, апасынын мээримин төккөнү, Байгутунун чуңкурга томолонуп барып түшүп кеткени, ак кар баскан Ала-Тоо баары сыдыргыга салгандай көз алдына тартылды. Бала болсо дагы баарына текши ой жүгүртүп, калмактардын жашоо турмушуна салыштырып карады. Бул учурда үйдүн ичинде калмактар чоң масилет кылып, жашыруун сүйлөшүп жатышты.

Задибай адатынча жер караган калыбында:

- Бул буруттар кыйын калк келет. Эмне үчүн биздин элден бул баладай бала туулбайт, туулса кана, менин көзүмө көрүнөт эле го? Кап, бул бала калмак баласы болгондо өзүм аз күндүк калган өмүрүмдү ага арнап, элдин келечегине керек бала кылып тарбиялайт элем. Бул баланын сыймыгы абдан күчтүү экен. Айтаар кебим бул баланы кыйнабагыла дагы, өмүрүн сактагыла. Эгер кимде ким бул баланын өмүрүнө зыян келтирсе, анда ал киши тукуму менен жакшы болбойт. Сынчы бир топко азиз көзү менен жер карап, аппак болгон суйдаң сакылын оң колу менен сылап, ойго чөмүлө, ичинен өзү менен өзү кеңешип жаткансып, дем тартпай туруп калды. Анын бул абалын түшүнгөнсүп жан адам үн катпай, күтүп турушту. Тээ бир кезде гана сынчы жерден башын көтөрүп, таттуу уйкудан ойгонгон адамдай селт этип алып, каргылданган үнү менен:

- Жан адамга, ал турсун өзүнө дагы билгизбей бул баланы тез аранын ичинде ылгап койгула. Антпесеңер тукум калса, буруттардан буга окшогон алдыны көрө билген олуязаада балдардын тукуму өксү болбойт. Калмактар эле эмес, кытайларга дагы сез көрсөткөн балдар төрөлөт. Аттиң, карачы бир арманым ушул бала калмактын баласы, калмактын канынан жаралган бала болуп калбаганын. Ушуну менен үч кишиден Сопунун дарегине жакшы сөз уккан Илеби таң калып, бир чети ичи күйүп "эмне баары эле сүйлөшүп алышкансып, буруттун тырнактай баласын макташат" - деп ичи уйгу-туйгу болду. Жаман оюнда баланы жок кылып салууну дагы ойлоду. Анткени ушул жашка чыкканы Илеби үйлөнө элек. Ыгы келсе "көзүн тазалайм" деген гана ойду ойлоп туруп алды. Анткени Задибайдын бир эмес эки жолу "ушул бала калмактан эмне үчүн туулбайт" деген сөзү намысын козгодубу, ким билет?

Көздөп келген кишинин берген кеңешин уккан соң, Шамыр баш болгон калмактар кайра айылына тартышты. Сопу биринчи жолу ат арабага түшкөнгөбү, абдан таң калып, кызыгуусу арта, айланып бара жаткан дөңгөлөктү карап, узак жолду кантип басып өттү билбей калды. Сүйлөшүлгөн сөз боюнча баланы Шамырдын үйүнө убактылуу коюп турууну эп көрүштү. Качан ылгаган соң баланы сатып жиберүүнү планга киригизишти. Шамыр бул сунушка макул болуп, Сопуну үйүнө алып келип "короодон чыкпа" деп катуу дайындап, эки күн эркин койду. Үй ээси Шамырдын өзү теңдүү баласы жана кызы менен Сопу бат эле тил табышып, ойногонго үлгүрдү. Экөө бир-эки жашка гана кичүү болбосо, тең тайлаш эле. Керээлди күнү кечке бир нерселерди жасап ойногон балдарды көрүп, үй ээсинин аялы, Лейле күйөөсү Шамыр келгенде тамак ичип олтуруп кеп кылды:

- Тиги бурут бала кызың менен уулуңа абдан жагып калды окшойт. Эки күндөн бери абдан жакшы ойноп жатышат, үйдөн чыкпай. Макул көрсөң биз эле бала кылып алсак кандай болот? Жылдызы жанган жакшы бала экен. Андан дагы балаң менен кызың тамакты тиги бала менен бирге жейбиз деп, жөн эле бир тууганындай ага үйрүлүп түшкөндөрүн айт. Менин дагы ал балага көңүлүм түшүп, балдарыңдан алыстаткым келбей калды. Шамыр көзүн жүлжүйтүп бир саамга ойлонуп турду да, анан кесе айтты:

- Болбойт, мен ал баланы эртең үйдөн башка жакка алып кетем, али кеч болуп кала электе. Бул сөздү укканда аялы Лейле:

- Шамыр, бир жолу менин тилимди алып койчу. Ал бала бизге керек. Жана мен аны менен бирге эки баланы үйгө калтырып майда барат алып келгени кетсем, баягы алдымдан ыйлап тосуп чыккан кызың менен балаң менин келгенимди капарларына дагы алышкан жок. Оюндун кызуусуна киришкен экен. Чекип сурасам бурут бала биздин бала менен тең эле өңдү. Бирок канчалык жаш болсо дагы ойлогон ою, сүйлөгөн сөзү салмактуу. Шамыр дагы бир нерсени ойогонго үлгүрдү да:

- Аял киши эркектин ишине кийлигишпеши керек. Ал бала бул жакка жөн-жай уурдалып келген жок. Анын себебин кийин түшүнөсүң. Эгер бул бала уурдалып келбеген бала болсо, анда сөз башка эле. Көргөн эл эмне дейт " калмак баласы калбай калгансып, буруттун баласын багып алыптыр" деп кеп кылса, анда кандай айла кыла алабыз. Ушул жагын ойлодуңбу? Лейле кабагы салыңкы, бир жерди теше тиктеп, баланын апасы менен атасынын баланы издеп азап тартып жатканын эстеп, ичиркенип алды. Эмне болгон күндө дагы аял да. Аял заты баары бир боорукер келип бирөөнө, өзгөчө жаш балага эч качан жаман ой ойлобойт эмеспи. Бир жерден жылбай, ойго алаксып кеткен Лейли уулу менен кызынын көңүлүн таап, ойноп жаткан Сопуга эч жамандык ыраа көрбөй турду. Аңгыча кызы чуркап келип:

- Ата, апа, билесиңерби? Тиги биздин конок бала абдан жакшы бала экен. Бизге сонун оюн ойногонду үйрөттү. Ал баланы биздин үйдөн кетирбегилечи. Кетирсеңер мен ыйлайм! - деди, секелектин жүрөгү бир нерсени сезгенсип. Бул сөз Шамырды дагы ойго салды. "Мен кыйын" деген сынчылардын көңүлүнө жакканы аз келгенсип, минтип кызы менен баласы дагы жанынан жылбай ойноп, али эч нерсе боло электе эле, аны алдына ала коргоп сүйлөп жатканы жүрөгүн тилип кетти. Ушул саам дагы Задибайдын айткан сөзүн эстеди "бул баланы кыйнабагыла дагы, өмүрүн сактагыла" - деген. Кызына башын ийкеп жооп берди да, бир аздан кийин акырын басып келип ойноп жаткан бардарды бир топко карап турду. Сопу тиги экөөнү эбак эле колуна алып койгонун дароо билди. Ата менен эне үчүн баланын күлкүсүн уккан билинбегени менен кандай бакыт. Кызы менен баласы тим эле кыткылыктап күлүп, кабактары ачык. Буларды карап туруп чын эле өзүнүн дагы көңүлү өсө түштү. Ал турсун Сопудан бир жарык нурду, жагымдуу элести байкады. Жакшы адамды дайыма нур каптап турат деген сөздү уккан. Кызы менен баласы курсактары ачканына кайыл болуп, оюн менен алек. Сопу жөн эле бир тууганындай кам көрүп, ойноп жатат. Бир кезде Сопу, Экметтке кайрылып, эскертүү берди:

- Экмет, эч качан кыз баланы капа кылбаш керек. Анткени кыз бала эркек балага караганда алсыз келет эмеспи. Ошол себептен эркектер ат минип сыртта жүрүп, сырттын ишин жасайт, ал эми аялдар менен кыздар үй ичиндеги ишти жасайт. Азыр биринчи кезекти Раймага берели деди. Бул сөздү укканда Шамыр дагы ичинен Сопуга ыраазы болду.

Шамыр бери басты да өзүнчө ойго алаксып " бул бала чоңоюп эр жетсе элдик эле эмес, дүйнөлүк бала болчудай, бала болуп туруп баарын билет экен. Кап, ушул баланы асырап алсам мага эле эмес үйбүлөмө, керек болсо жаамы калмак элине жарыгы тийчүдөй. Бирок ылгалып калса, касийети качып кетпес бекен. Тиги Задибай бекер айткан жок "Ылгап салгыла" - деп. Эгер ылгалбаса кызымды алып берип күйөө бала кылып алсам, жок дегенде жээним тың чыгат беле" - деп дагы ойлоду. Ойдон күлүк эмне бар. Адам баласынын оюна бир заматта эмне деген гана ойлор келип кетпейт. Ошол себептен " баарынан ой күлүк" -деп айтылат эмеспи.

Шамыр ойго алаксып туруп бир жолку Задибай сөз арасында айткан сөздү эстеди.

Анда аз киши болуп түшкү наарды сызып олтурушуп кеп кылган эле " Кап, тиги Сарпектин уулунан бир нерсе чыгат деген оюм бар эле, соода жолуна түшүп, дүнүйө кубалап калды, дүнүйө кубалаган адамдан ынсап кетип, пейил бузулуп, өзүмчүл мүнөз жолдон адаштырат. Эки жолу эскерттим болбой койду. Бул дүнүйө пайгамбарды дагы жолдон чыгарган. Эми менин көзүмө алиги көрүнгөн сыр Сарпектин уулунда жок" -деген эле. Шамырга ушул жерден чукул ой пайда болду "эгер уулум тиги бурутту жандаса анын жакшы сапаты жугуп, оң жолго түшөр" - деген. Бирок, аны кантип үйүнө алып кала алат. Тигинтип Илебинин дагы бул балага карата оюу бузулуп турат. Ким билет деп, ар нерсени ойлоп жатып башы ооруп кеттиби, сыртка чыга жөнөдү.

Эч билинбей дагы эки күн кайрылгыз жакка өтүп кете берди. Бул эми тынбай агылып өткөн сапарынан танбаган убакыттын мыйзамы экенин танып болбойт.Түш ченде Сопуга жакшы тамак беришти. Сопу эмнегедир тамакты ичкенге дити чаппай, бир нерсени сезгенсип, табити тартпай араң ичти. Анткен менен тамак абдан даамдуу эле. Чыпылдап чекесинен чыккан терди сүртүп, тасмалдын четине чыга берди. Аз убакыт өтпөй эле уйкусу келип, жаны жер тартып, көзү илине бергенинен жатып, тез эле уктап кетти. "Уйку жер тандабайт, күлкү ар тандабайт" -дегендей, башы жерге тийри менен көшүлүп кеткенин эле күтүп турушкан калмактар, колу жеңил элдик дарыгерге катуу табышташты " Жаны тирүү калсын дагы, тез айыгып кеткендей болсун" - деп. Дарыгер атайын Үрүмчүдөн алынып келген улуту кытай дарыгер эле. Бул дарыгердин колунан баары келет. Атагы чыккан, төбөсү көрүнгөн дарыгер болгон үчүн, араң дегенде мында алып келишкен, кадыр салып андан дагы көп суммадагы акча убада кылып жатышып. Уйгур тилин жакшы билген үчүн, тилмечи жок сүйлөшүп жатышты. Дарыгер кеминде эки сааттай убакыт кетирди, Сопуну ылгаганга. Аттиң, ошол кезде калмактын сынчыларынын көзү түшкөн кыргыздын келечекте жарык дүйнөгө келе турган уулунун жолу буулганын танып болбойт эле. Айла жок, бири кем дүнүйө деген ушул эмеспи. Жок эле дегенде Сопуну алиги көзү көрөгөч Сабитахун көрбөй койсо эмине. Анда кыргыздын бир чыгаан уулу минтип бир мүчөөсүнөн айрылбайт эле да. Аны эми миң айтсак дагы кайрылып келбеген иш.

Сопуга уйкунун дарысы таасир берип, уктап жатып түш көрдү. Түшүндө бир кара ниет киши келип ичин тилип, денесинен абдан ыйык нерсени алып жатканда, ал ыйык нерсени бербегенге канчалык аракет кылса дагы болбой, күч менен алып салды. Аны алганда денеси бошоп, шалдырап эле туруп ээн талаада тургансып ээси ооп калды. Канча жатканын билбейт. Уйкудан ойгонсо, алаасы ооруп жаны көзүнө көрүндү. Эч сөз жок эле калмактардын эмне иш кылганын билип, көзүнө келген жашты сүрткөнгө алы келбей, ичинен сызды. "Ушундай дагы адамдын колунан, айбан жасабаган мыкаачылык иш келет экен" -деп сызып, көзүнөн аккан жаш жаздыгын жууп, жарык дүйнөгө жаралып калганына өкүнүп турду. Колу менен акырын сыйпалап жумурткасын издеди. Бирок таңылуу болгон үчүн аны так биле алган жок. Көзүн ачкан бойдон эч сөзгө келбей, каны катып суусап турса дагы чыдап, султандык сапаттынан жазбай мисирейди. Калмактардын бул жоругуна нааразы болуп, өзү жаш болсо дагы жүрөгү менен сезди, калмактар эмне максат менен уурдап келгенин. Бир кезде көзгө тааныш эмес кыргыз тилин суудай билген аял кирди. Ал Сопуну көрүп эле көзүнө жаш алып, аялдык назик көз караш менен карап, аяганын билгизип, жанына келди да алгач эле минтип сурады:

- Кимдин айылынан келдиң эле? - деп. Сопу жаш болсо дагы ызаага алдырып ыйлаган жок, кайратуулугу көзүнөн билинип, үнүн жай чыгарып:

- Аны билбейм. Биздин айылдагылар көбүнчө Жакшыбай ата менен кеңешип иш кылышчу, өзүм Эсеттин уулу болом деди. Тиги аял Жакшыбай карыяны тааныганын билгизип:

- Сен анда сарбагыштардын айылынан турбайсыңбы. Жакшыбай карыяны мен тааныйм, уруусу азык. Ал эми сенин атаң Эсетти билбейт экенмин. Мында келгениме эле жыйырма жылдан ашты. Эми эптеп жакшы болуп кетсең болду. Коркпо, эми сага калмактар мындан башка жамандык кылышпайт. Сопу шыпты карап:

- Эми менин эмнем калды. Ушундан көрө жанымды алып салышса болмок. Мен баарын билем жана буга чейин эле билгем калмактардын мага карата жаман оюу бар экенин. Жупуну кийим кийген тиги аялдын ысмы Толкун. Калмактар жаш кезинде сулуу чырайына кызыгып уурдап келишкен. Алган күйөөсү бир топ жыл илгери жоодон каза болуп, кийин анын туугандары жолун бошотуп, колу жука кишиге алып берип коюшкан. Толкун көлдүк Жамангулдун тукумунан, Асанкан деген кишини кызы. Сопу менен кеминде чай кайнам убакыт сүйлөшүп олтуруп анан изине түштү. Кантсе да баланы төркүнсүнүп "кыргыз бала экен" - дегенин угуп келген. Кыз баары бир кайда жүрбөсүн төркүнүнө тартат эмеспи. Толкунду көргөндө аз да болсо баланын кабагы ачыла түштү. Анан эмне кылат. Минтип чоочун эл, чоочун жерде жүрсө.

Сопу үч күн төшөктөн турбай жатты да, анан акырындык менен баса баштады. " Көл, дайра акканда кебелбейт, ал эми чыныгы калыс, терең акылдуу адам, ичи таар кишиге теңелбейт" - дегендей, Сопу сырын ичине катып, тиги кара санатай калмактарга теңелбей, керек болсо аларга көңүл дагы бурган жок. Баягы бир кат кийими эскирип, жыртыла да баштады. Бирок, Сопу кеч киргенде эч кимге көрүнбөй барып, аккан сууга киринип, тазалыкты сактап, боюн пакиза алып жүргөнгө аракет кылды. "Тырмагы өскөндүн өзү каапыр, чачы өскөндүн кошунасы каапыр" - дегендей, чачынын эле өскөнү болбосо, боюна карап наабатуулуктан жазбады.

Туура эки апта өткөндө Сопуну айылдын четинде жашаган уйгур Шамамат деген байга сатышты. Уйгур байдын төөсүн кайтарып, Сопу керээлдин күнү кечке талаада. Көргөн күнү курусун. Бир күнү төө кайтарып жүрүп кечинде үйгө келсе, Шамыр үйбүлөөсү менен конокко келишиптир. Сопуну көргөн кызы менен баласы жөн эле бир тууганын көргөнсүшүп, алдынан чуркап чыгышты. Бул көрүнүшкө күбө болгон Шамыр менен аялы да ыңгайсыз абалда калып, ичтеринен өкүнүп турушту. Анткени кызы жанды койбой сураганда, аны алдап коюшкан болучу. "Буруттар алып кетти" - деп. Чынында бул жолу Сопуну тоодон келип калат деп ойлошкон эмес. Сопу, ушул абалга алып келген Шамырды бир башкача көз караш менен карап, саламдашып дагы койгон жок. Ал эми Илебини жекире карады эле, Илеби дароо көзүн тартып алды да, денеси үшүгөн адамдай чыйрыгып кетти. Эмнеге мындай абалда калганын өзү да билбейт. Көңүлү кирдеп, денесинен муздак тер чыпылдап чыгып кетти. Сопунун жанына узап кетсе эле жаны жай алчудай сезип, артка кадам таштап, ойго алаксый түштү. Канча жолу найза кармап жоону бет алды, канча жолу кылыч кармап кылычташты, кандай баатырлар менен беттешти, бирок мындай абалга кабылып көргөн эмес. Жашоодогу сапары карынгансып, көзү караңгылашып, кара чаар жылан денисине оролуп алгансып аба жетишпей, көзүнүн нуру качып, тили буулуп, сөз оозунан качып, үн дебей эле бир жерди теше тиктеп олтуруп калды. Бирок сыр бербегенге араткети күч болду.

Ошол күндүн эртеси эле Илеби жөн туруп эле бул жашоодон узап кете берди. Анын өлүмүнүн сырын эч ким билбей калды. Арадан дагы үч күн өткөндө көзгө урунган калмактын дагы бир баатыры дүйнө салды. Бул баатырдын дагы өлүмүнүн сыры дайынсыз болуп, калмактардын шаштысы кете түштү. Шамыр дагы тигилердин артынан кете берет беле, эгер анын кызы менен баласы болбогондо.

Сопу курсагы ачканына караган жок, жашоо менен күрөшүп, өз ишин гана жасап жүргөн кезде, тиги уйгурдун медреседе окуган эки баласы келип калды. Алар менен тил табышып, тез эле коюн колтук алышып, ойноп кетти. Оюн арасында алардан көп нерсени үйрөнгөнгө үлгүрдү. Эч ойлогон эмес, окуу жөнүндө. Ал турсун окуу бар экенини билген эмес. Ошол кезде оңдой берди болуп, уйгурдун төөлөрүн соодагерлер алыска жүк жүктөп алып кетип, Сопу үй иштери менен алек болуп калган. Ара чолодо араб тамгасын үйрөнүп, тамгалап окуганга дагы жарап калды. Бул баам салган кишиге дээринде бар баланын бир нерсени тез кабыл алгандын бир белгисин берет эле. Уйгурдун өзгөчө кичүү баласы Сопуга жакын болуп, оюн арасында тамгалардын жазылышын жана окуулушун дагы үйрөтүп, билинбегени менен чоң жардамын берди.

Кайткан үмүт



Баланы уурдай качкан качкындар түнү менен Бедел ашуусун ашып кеткендерине абдан сүйүнүшүп, таң супасы аткан кезде, суунун жээгине келип эс алышты. Кантсе дагы өз эл менен өз жердин деми адам баласына кандай күч берет. Аттардын ээр токумдарын алып, жайдактап, алдыңкы буттарынан тушап коюшуп, үчөө уйкуга киришти. Жандары кыйналган үчөө эч нерсени сезбей уктап, убакыт чоң шашке болгондо гана ойгонушту. Бул кезде тынчы кеткен Аксаамай жол карап, болгон дитин уулу Сопу ээлеп алган эле. Эне үчүн мындан өткөн кордук, мындан өткөн азап жок экенин танып болбойт. Түнү уйкусу качып, күндүзү ою бир жерге турбай күткөнү эле Эсет менен уулу Сопу болду. Баарынан дагы Сопу апасына жакын болуп, анда санда алдына ала бир нерселерди айта койгону туура чыгып калганын Аксаамай эстеди. Ооба, жоголор күндөн эки күн илгери жанына келип " апа, мен сизди абдан жакшы көрөм, жаныңыздан эч жакка чыккым келбейт. Бирок, мен жакын арада алыс жакка кетет окшоймун. Мени эч жакка жибербегилечи" дегенде Аксаамай бул айтылган сөзгө маани бербей "кайда бармак элең, жөн турчу" деп койгон эле. Көрсө ушул окуя болорун алдын-ала билген үчүн айткан тура деп, ойлонуп олтурган Аксаамайдын көзүнө алыстан эки атчан көрүндү. Болгондо дагы бирөөнүн артында учкашкан бала бар экенин көргөндө, болуп көрбөгөндөй сүйүнүп, бир орунга олтура албай калды. Үйгө чуркап кирип, бир чыныга суу дагы даярдап койду "башынан тегеретип чачайын" деген ойдо. Кайран эне ай, анан кантет. Улам караандар жакындаган сайын Аксаамайдын жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй согуп, сүйүнгөнүнөн жүзү албырып, тим эле чуркап барып уулун аттан алып түшүп, кучагына кыскысы келип, жаны жай ала албай, алып-учуп турду. Ансайын тиги экөөнүн ат бастырганы жай тартып, бир жерде туруп калгандай сезилди.

Эсет алыстан эле билди, Аксаамайдын чыдамы кетип жол карап күтүп жатканын. Эми ага кантип айтат "бул Сопу эмес" деп. Уулунун жоголгону бир тең, Аксаамайдын тигинтип жол караганы бир тең болуп, санаасы санга бөлүндү. Аттиң, кайран гана ата менен эненин тарткан азабы ай. Ушул күнгө туш кылган калмактарга наалат. Керек болсо чымчык дагы балапанын коргоп, жоголсо издеп азап чегет. Ал эми акыл эси бар адам баласы, болгондо дагы тогуз ай көтөрүп боюнан бошонсо, ак сүтүн берип, түн уйкудан калып баланы эмизип багып чоңойтсо, анан тигинтип көз көрүнө баласын уурдатып жиберсе, үмүт оту жанып, издеп кеткендер бала учкаштырып келе жатса, эне кандай гана абалда турганын элестетип көрөлү.

Ак жоолугу башына тыкан салынган, боюна жарашыктуу кийген көйнөгүнүн этеги батыштан соккон шамалга желбиреп, кызыл чыптамасы боюна көрк берип, жол караган Аксаамайдын көңүлү алда кайда алып учуп, бир орунга тура албай же бир нерсеге алаксыбай, өз оюу менен алп урушуп, көзүн ирмебей жол караган энени бешиктеги бала ыйлап калып, алаксытты. Бул кезде атчандар кыйла жакындап калышкан эле. Аксаамай үйгө кирип, бешиктеги баланы чечип бооруна көтөрүп, сыртка чыгып эле чоочун баланы көрүп , бирөө үстүнөн муздак сууну куюп жибергенсип шалдырап, эсинен танып туруп калды. Бир нерсе айтайын десе үнү буулуп, сөз чыкпайт десең. Ал эми күйөөсү Эсет менен кайниси Марка күнөөлүү кишидей жер карап, беш кадамдай илгери жылып, экөө дагы бир орундан жылбай, чоочуркап туруп калышты. Ортодо бир топко тынчтык өкүм сүрүп, көз караштар менен гана сүйлөшүп, бири-биренен сөз күтүштү, ушул абалдан кутулуу үчүн. Дагы канча убакыт турушат эле, бери жактан кошунасынын үнү чыкпаганда.

Аксаамай болгон окуяны угуп, жок дегенде экөөнүн аман келгенине шүгүр кылды. Эртеси Эсет өзү ат менен бастырып барып, Самсаалынын үйүнө келди. Бул учурда Самсаалы күнестеп боз үйдүн капталында жаткан болучу, жоголгон баласын эстеп. Ал эми аялы үй оокатты менен алек болуп, жаны тынбай жүргөн. Самсаалы олтурган ордунан туруп, Эсетти утурлай басты. Эсет баланын азабын тартып кейпи кеткен ата менен энени дароо эле сүйүнтө коюну эп көргөн жок. Учурашып ал-жай сурашкан соң Самсаалы үйгө кир деп өтүндү. Жайланышып олтурганда Самсаалы:

- Эсет, кайрат кыл. Менин башыма келген күйүт сага дагы келген тура. Бул калмактарды эми такыр бул жолдон өткөзбөш керек. Баланын азабын тартып минтип жеңең экөөбүз жашыбыздан эрте карып калдык көрүнөт. Башка балабыз болсо эле эмне. Бул жалгыз баланын күйүтү алы-күчтү алып кетти. Балам кандай күндү көрүп жүрөт болду экен? - деди эле, Эсет чыдабай калды. Көзүнө келген жашын аарчыган Самсаалыга акырын эскертти:

- Байке, эгер уулуңуз табылып калса эмне кылат элеңиз? - деп. Самсаалы жалт карап, болор болбос жылмайып:

- Жылкы союп чоң той берет элем! Мазарга түнөп жүрүп көргөн баламдан эч нерсени аябай калайын. Бул жалганда арттан туяк калып, атыңды өчүрбөй алып жүргөн бала болсо, андай атадан өткөн бактылуу жан жок да. Алдыга тасмал келип, бир чыныдан кымыз ичилгенде Эсет жай сөз менен:

- Байке, эмесе жылкыңызды даярдай берсеңиз болот. Мен сиздин уулуңузду таап келдим! - деди эле, Самсаалы олтурган ордунан туруп, кайра олтурду. Көзү алайып, кулагына эч сөз угулбай, жалдырама тийген кишидей шалдырап эле олтуруп калганда Эсет чочуп:

- Байке, сизге эмне болду? - деп, колунан тартканда гана Самсаалы эсине келип:

- Я, айланайын, Эсет, деги сен эмне деп жатасың, айткан сөзүң деги чынбы? - деди. Ал эми Самсаалынын аялына эбак элек жалдырама тийип, көзүнөн аккан жашты аарчыганга жарабай, аккан жаш бетин жууп, уккан кулагына ишенбей, Эсеттен көзүн албай, дагы эмне деген сөз айтат деп, күтүп калган. Ал эми Эсет сөздү эмнеден баштаарын билбей, Самсаалынын берген суроосун жоопсуз калтырды. Көрсө жаман кабар менен жакшы кабарды жеткире айтуу дагы өзүнчө бир түйшүк тарттырарын билди. Бир кезде гана Эсет тиги экөөнө минтип эскертти.:

- Силер эми менин сөзүмдү бөлбөй угуп тургула. Мен болгон окуяны болгондой айтып берейин? - деди. Самсалы башын ийкеп:

- Деги, Эсет, жакшылап түшүндүрүп айтчы. Биз сенин сөзүңдү бөлбөй угуп болуп, анан ошого жараша иш кылалы. Көргөн түшүм жакшы эле.

Сөзгө аялы кийлигишти:

- Сен түшүңдү коё турчу, аны анан деле айтасың. Деги сен кандай жакшы киши элең. Баламдан жакшы кабар алып келген, - деп, сөздү ооздон жулуп алды. Эсет сөз кезеги келгенде болгон окуяны бир баштан айтып берип, качан гана Беделдин ашуусун ашып бери түшкөн жерге келип, сөз андан ары улана баштаганда Самсаалы олтурган ордунан тура калды да, сөздү бөлүп:

- Эсеке, токтот сөзүңдү, кагылайын Эсеке, калганын анан айтасың! Деги балам азыр кайда? Сүйүнчүңө бир ат минип кет. Деги мага балам кайда, дайынын айтчы? - дегенде Эсет сүйүнгөн ата менен эненин бул абалына туура түшүнүп:

- Бала азыр биздин үйдө, - дегенде, Самсаалы сыртка чыгып эле, токулу турган атына минип, атын чаап жөнөдү. Ал эми Баргүл бир топко чейин жөө барып кайра келди да, Эсеттин бетинен өөп:

- Айланайын, деги сен кандай жакшы адамсың! Балам үчүн баарын сенден аябайбыз, - деп, оозуна келген сөздү айтып сүйлөнө берди. Эсет атына минип жатып:

- Жеңе, эми көп эле калдастай бербей, тойго камыныңыз, - деп, Самсаалынын артынан жөнөдү. Бул жалганда бирөөнү сүйүнткөн кандай жакшы жышаан. Эсет өзү дагы тиги экөөнүн сүйүнгөнүн көрүп алып, бул кылган ишине ыраазы болду. Самсаалы, атынын күйүккөнүнө караган жок. Тим эле жоо кууп келе жаткансып камчы үстүнө камчы салып, күнөөсүз атты чапкылап, көзүнө келген жашты арчыганга дарманы жетпей жолдо келе жатты. Андайда жол дагы арбып, узарып калат эмеспи. Жыгыларына карабай атын катуу чаап келди да, Эсеттердин үйүнө жакындаганда эле аттан секирип түшүп, болгон үнү менен кыйкырды:

- Кадыр!? Уулум!

Бул кезде Кадыр уктап жаткан болучу. Калмак жеринде жүргөндөгү тарткан азабынын кесепети тийип, келгенден бери уйкудан ойгоно албады. Эртең менен туруп, курсагы тойгондон кийин эле кайра уйкуга баш койгон. Эсет иниси Маркага келсе, малы жоголуп, жок издегени даярданып жаткан үчүн, баланын дайынын билгизгени алты-жети чакырым жерге, Самсаалынын үйүнө өзү келген.

- Атасынын үнүн уккан Кадыр уктап жаткан жеринен ыргып турду да, сыртка атып чыкты. Калдаңдап чуркап келе жаткан атасынын караанын көргөндө эле "ата!" деп бир бакырганын билет, калганы эсинде жок. Ата менен бала кеминде чай кайнам убакыт бири-биринен бошоно албай турушту. Бул сагынычтын жеткен чеги болучу. Мындай көрүнүшкө күбө болгон Аксаамайдын дагы көзүнөн жаш агып, бетин жууп жатканын өзү дагы сезген жок. Бул жалганда мындан өткөн бакыт барбы. Бир жылдан бери кабактары түнөрүп ачылбаган ата менен баланын жолугушуусу бул, ал эми эне менен баланын көрүшкөнүн жазганга сөз жетпейт го.

Бул кезде Баргүл кошунасынын атын сурап минип, жанына жакын абысынын алып, жолдо келе жаткан. Баргүл баласы келгенге чейин чыдап олтура албайт болучу. Ансайын жол арбыбайт десең. Жаңы гана ата менен бала көрүшүп бүтүп, үйгө кирген кезде Баргүл келип калды. Аял да. Алыстан эле уңулдап ыйлап алган "балам, Кадыр, сени көрөр күнүм бар экен ээ".

Эми Кадыр аттан жаңы түшкөн апасын көздөй чымын куюн болуп чуркап жөнөдү. Аттиң, ай, аз жерден Баргүлдүн жүрөгү токтоп кала жаздады го чиркин! Бир жыл баланын азабын тартуу эмне деген азап. Канча түндү уйкусуз өткөрдү да, канча күндү илгери үмүт менен жол карап олтуруп көзү тешилди. Баргүл эч кимдин сөзүн укпай баласын бооруна кыскан бойдон, кыймылдабастан, үн дебестен тура берди. Кайран гана эне байкуш ай, эне үчүн мындан өткөн бакыт, мындан өткөн жыргал жок белем. Телегейи тегиз болуп, өңүнөн нур төгүлүп, көзүнөн от күйүп, өчкөн шамы кайра жанганы жүзүнөн билинип Жаратканга миң миртебе ыраазы болуп, болгон сүйүнүчүн жана сагынычын баласын кучактап турган бойдон ушунтип бир жыл тарткан санаасын боюнан чыгарып салды. Качан гана эсине келип баласынын кейпин көргөндө, кайра көзүнө жаш алып, уулуна боору ооруп, баласын ушундай абалга алып келген калмактарга наалат айтып, сөзгө келбей бир топ турду. Эч сөз айтырбай эле билди, уулу бир жыл азапты катуу чеккенин. Ошол азаптан кутултуп, жанын аман алып келген Эсет менен Маркага эмне сөз айтып ыраазы кылышты билбей турду. Чогулган элдин баары эми сөзгө келишип, баланын башынан өткөргөн күндөрдү угуп, бир сыйрадан көздөрүнө жаш алышты. Кадырдын айткандарын угуп Аксаамай менен Эсет уулу Сопу дагы көрбөгөн кордукту көрүп жатканын элестетип алышып эле, буркурап ыйлап, көздөрүнүн жаштарын тыя албай коюшту.

Самсаалы өзү айткандай жылкы союп чоң той берип, Эсет менен Маркага чепкен жаап, бирден ат мингизди. Эми калмактарга күнөө койгонго далил табылып, жаздын келишин чыдамдары кете күтүштү.

Ал эми калмактар баланын уурдалып кеткенин билишкенде, бармактарын тиштеп, өкүнгөн бойдон калышты. Ооба, кеч болсо дагы Беделдин кырына чейин издеп келишкени менен таба алышпай кайра кайтышкан. Өзгөчө Сабитахун менен Батурхан катуу өкүндү. Анткени алар кыргыздардын жерине келгенде айтышкан эле да "уурдалган баланы таап, далилдеп бериле" деп. Эми тигинтип кой кайтарып жүргөн жерден бала уурдалып жатканы, далил эмей эмне. Аларды азапка салган маселе, бул окуя менен кыргыз жеринен Андижанга кетчү жолдун буулганы болду.

******

Эч билинбей ортодон беш жыл жылып өттү. Бул кезде Сопу кадимкидей бой тартып, көп нерсеге көзү жетип, тотугуп калды. Уйгурдун балдарынан окуганды кадимкидей үйрөнүп, окуганга дагы жазганга да жарап, такшала түштү. Тактап айтканда кат сабаты жоюлуп, анча мынча китептерди шар окуп калганын уйгурдун байы Шамамат өзү дагы билип, бир күнү калмактар менен бир жерде олтурганда Сопуну мактап калды.

- Бул жөн бала эмес экен. Керек болсо атайын медересеге барып окуган менин балдарымдан, тиги менин малайым абдан китепти шар окуп, жазганды дагы өздөштүрүп алды. Төө кайтарып жүрүп кантип үйрөнүп алганына башым жетпейт. Бир-эки жолу түнү эшикке чыксам, чырактын жарыгында эки баламдын китебин сурап алып окуп олтурганын көзүм чалып калды. Бул буруттун баласынан бир нерсе чыгат, айтты койду дебегиле.

Айткандай бир жолу соодага чыккандар төө жетелетип өздөрү менен бирге алып кеткен. Жолдон эч ким тоскоол болбой, соодалары абдан жакшы болуптур. Кийинки жолу жолдору болбой абдан кыйналып келишип, малайымды сураганда бербей койдум. Бул сөз калмактардын көзүрү, башкача айтканда чоң билерманы Эрдене бийге жетип, Сопуну өзүнө алдырып Куран китебин окутуп сынап көрдү. Сопу китепти эч токтолбой шар окуганын көрүп алып, кызыгуусу арта сураганда Сопу бир сырды байкап калып, ашыкча сөз оозунан чыгарбай:

- Айылымда жүргөндө эле молдодон окуп үйрөнгөм деп кыска жооп берип койду. Бирок тиги калмак бул айтылган сөзгө ишене койгон жок. Анткен менен жүнү тирүү Сопудан бир сырды байкап, өзүнүн үйүнө алып калды. Уйгур келгенде, баланы бербей:

- Мен сага бул баланын ордуна башка бала берем. Сенин малайың буруттун баласы өзүң айткандай жөн бала эмес, идиреги бар, жарыгы элге тийчү бала экен. Бул жалганда ким кандай жаралса, ошондой жашаш керек. Сен ойлогондой, бул бала кордук көрчү жан эмес. Ал төө кайтарбай таза иште иштегени оң. Биз анын убалына калабыз, эгер аны кордосок. Айткан сөздү ук дагы, мен берген баланы алып жолуңа түш, - деди. Шамамат айласы жок башка баланы алып кетип бара жатып, абдан өкүндү. "Эмнеге мактанып, бул буруттун баласынын даңкын чыгардым. Ал келгени ишим алдыга жылып, кадимкидей үйгө киреше кирип калды эле" деп ойлоп, үйүнө келгенче кабагы ачылбады. Ал эми аялы Чынзайда дагы Сопунун келбей турганын укканда, кабагына кар жаап, баалуу буюму жоголгонсуп, коңултуктай түштү. Негизи эле бул үй бүлөө мүчөлөрү Сопунун кеткенине абдан өкүнүштү. Кудум бир туугандай болуп, үйгө аралашып калган эле да. Андан дагы көп ишти айттырбай бүтүрүп, адамдык сапаты менен үйдөгүлөргө алынып калган.

Убакыт алга жылган сайын калмактар Сопунун касиетин билип калышып, колго алышты. Анткени анын иш билгилиги, анча мынча алдыны көрө билгени, кат таанып, жазганы өзгөчө калмактардын көзүрү Эрдене бийге абдан жакты. Таза кийинтип, жанынан чыгарбады. Кээде экөө сүйлөшө калганда, Сопу жүйөлүү кеңештерди айтып, келечеги бар сөздөрдү козгогондо, Эрдене "акыл жаштан, асыл таштан" деген сөздү эстеп, жасай турган иштерин кеңеше калып жүрдү. Муну эми азыркы сөз менен айтканда "кеңешчи" деп айтууга болот. Ооба, али балтыр эти толо элек баланын чоң иштерге аралашып, эл эгеси менен тең ата сүйлөшүп, оюн ачык айтуу жөн баланын колунан келе турган иш эмес. Баарынан дагы Сопунун алдыны көрө билгени калмактын Эрдене бийинин көңүлүн көтөрдү.

Бир жолу кытайдын алыскы шаарынан келген элчини Сопу бир көрүп эле, анын жаман ой менен келгенин билип, учурун келтирип, Эрдене бийге айтайын дегиче болбой өзү чакырып калды. Экөө ээн бөлмөдө олтурганда Сопу сөз учурун келтирип айтып калды:

- Бий, бул элчинин көзү жаман, кыймылы дагы шектүү. Колуңуздан келсе жакшылап текшериңиз. Балким сизди алдаганы келген жөнү болушу толук мүмкүн. Ал жагын өзүңүз жакшылап текшерип көрөт чыгарсыз. Чынын айтсам менин ички дүйнөм аны анча жактыра берген жок. Жаман ой менен келгенин жакшылап текшерсеңиз, билесиз. Азырынча эч сыр алдырбаганыңыз оң. Бул айтылган сөз менен Эрдене бий башын ийкеп, өз оюу менен алек болуп, Сопунун айтканын четке кага албай, жер тиктеп бир топко ойлонуп олтуруп, ичинен бүтүм чыгардыбы ким билет, дароо ордунун тура калып эле, сыртка чыга жөнөдү. Эмне максат менен сыртка кеткенине Сопу ага кызыккан деле жок.

Ошол окуядан эки күн өткөндөн кийин, Сопуну өзүнө чакырып алып, Эрдене бий ыраазычылык билдирди. Көрсө тиги "элчимин" деп келген кытай, алдамчы-шылуун экени такталып, Сопунун билгичтиги дагы бир жолу анык болуп, Эрдене бийдин алдында дагы кадыры өсө түштү.

Убакыт эрте жаз болучу. Кар ээрип, ала шалбырт болуп, күн жаңы гана жылуулугун жерге берип, көк кылтыйып калган кезде, Эрдене бий алыс сапарга аттанмак болуп, даярданып калды. Албетте андай алыс жолго Сопуну өзү менен бирге алып барбаса болбойт эле. Чынында Сопу эл башы аталган Эрдене бийдин билинбей эле оң колу болуп калган. Муну калмактар дагы билип калышып, тымызын кызганышканын сыртка чыгара алышпаганы менен ич ара күбүр-шыбыр сөз кылышканы Эрдене бийге дагы жетти. Бирок Эрдене бий өз билгенин эч кимге бербей, ал турсун Сопуга кол салып коюшпасын деген ойго келип, жанына бир адамды сакчы дагы кылып койду " Башың менен жооп бересиң, Сопуга жан адамдын колу тийбегендей болсун" деп.

Арадан туура эки апта өткөндө чоң жүк алып жолго чыгышты, соода кылганы жана ал өлкө башчылары менен келишим түзүп келүүнү максат кылып. Авганстан, Пакистан, Арабия, Иран, Ирак, Турция сыятуу чоң өлкөлөрдү кыдырганы.

Жол алыс, бирок Сопунун кабагы ачык. Эмнегедир жүрөгү жакшы нерсени сезгендей белги берип, төө үстүндө ойго алаксып бара жатып үйүн, ата-энесин, бир туугандарын эстеди. Анткени, Эрдене бий убада берген эле "Эгер сапардан жакшы маанай менен кайтып келсек, сени үйүңө жиберем" деп. Бул сөздү укканда Сопуда чоң үмүт пайда болуп, ичинен дуба кылып, көп сүйлөбөй жол карап келе берди. Аяк башы билинбеген кумдуу чөлдө келе жатышканда Сопу бир нерсени сезип, Эрдене бийге кайрылды.

- Биз азыр бир коопту жерге келдик көрүнөт. Макул көрсөңүз бул жерге токтобой өтүп кеткенибиз оң болуп турат. Ооба, азыр биз суусу бар жерге жеткенде кечке калбай суу алып алган соң, жолду улап кетели. Анткени түнү кол салуу болуп калышы толук мүмкүн. Эрдене бий Сопунун ички тую сезими менен эсептеше билген, анын айтканынан баш тарпаган жагы бар эле. "Азыр сууга жетип эс алабыз" деген сапарлаштары Сопунун айтканын угуп, ичтеринен жаман көрүштү "Дагы эмнени ойлоп таап жиберди" деп. Андайда адам качан жакшы нерсени ойлочу эле. Сууга жетишкенде, баары бир сыйра суусундары кана ичишип, азга эс алган болушту да, анан Сопу айткандай идиштерине суу алып, тез ал жерден орун которуп кетишти, кечке калбай.

Эртеси артынан келген соодагерлер сууга түнөп, каракчыларга тонолгондорун айтышканда, баягы жаман көрүп жаткандар жакаларын карманып, эми нак Сопунун кадырын билип, билгичтигине баа беришти. Мурунку күнү эле жаман көрүп, сын айтып жатышкандарын эстеп уялып да калышты. Эрдене бий эми башын жогору кылып "Сопу билгич экенин биле жүргүлө" дегенсип карап койду.

Алгач Авганстанды анан Пакистанды басып өтүшүп, кумдуу чөлдү күндүн аптаптуу ысыгына карабай, төөлөрдүн басыгы менен ар ким өз ойлору менен алек болушуп, кеминде жарым ай дегенде Арабиядагы өздөрү көздөгөн шаарга да кирип келишти. Сопу жердин алыстыганан деле тажаган жок, кайра ушундай жаратылыштын кубулушуна, жер бетинин сөз менен айтып жеткисе алгыз кооздугуна жана ар улуттун жашоого болгон көз карашына таң берип, өзүнчө талдоо жүргүзүп, ойго алаксыды. Бул жолу эмнегедир соода дагы жаман болгон жок. Жүк азайган сайын төөлөрдүн кыймылдары шайдоот тартып, жүрүшү ылдамдап, алга карай сапар арбып, улам бир шаардан экинчи шаарга сапар алып бара жатышты. Сопу көп нерсени өз көзү менен көрүп, алдыда эмне боло турганына эми нак көзү жете баштады. Арабиядан тилмечтик дагы кылып жиберип, чогуу барган калмактардын оозун ачырды. Кээ бир арабдар менен кадимкидей сүйлөшкөндө, Сопунун кадырын, анын көп нерсеге шыктуу экенин дагы билишти. Эрдене бий жанындагыларга мактангандай көз караш менен карап:

- Мен канча жыл эл башкарып жүрөм. Кимдин эмнеге жөндөмү бар экенин бир көрүп эле билем. Мына жолго чыгарда силер чырылдадыңар эле "буруттун баласын эмнеге алып алдыңыз" деп. Кереги тийдиби. Эми дагы билесиңер, байкайсыңар, Сопунун ким экенин. Мен жаныма жөн адамды албайм - деп, Сопуну мактап өттү эле, Сопу сөз кезеги келгенде:

- Бийим, мактоо бир гана улуу Аллага жарашат. Баардык адам баласында кемчилик болбой койбойт. Бир гана Аллада гана кемчилик болбойт. Ал жагын эстен чыгарбаңыз, - деди.

Эгер Сопудан башка бирөө болгондо мактоо сөзгө эдиреңдеп кетет беле ким билет. Сопунун айткан сөзүн угуп, бери жактагы сөз угуп олтурган калмактар дагы каршы сөз айта албай, баштарын ийкеп туруп калышты. Бир жагынан жаш баланын таасирлүү айткан сөздөрүнө ичтери жылып, кабактары ачыла түштү. Бул жалганда сөздүн күчү кандай таасирлүү. Улам убакыт алга жылган сайын Сопунун кадыры өсүп, сөзү чоң чыга баштады, таасын айткан сөздөрү менен.

Акыры Турцияга дагы келип жетишти. Түрк тили менен кыргыз тилинин окшош жагы бар эмеспи. Муну Сопу билген эмес. Алгач чоң шаардын билерманы менен сүйлөшүү болуп, анан соода иши башталды. Бул жактан дагы соода жаман болгон жок. Бир күнү базардан бир аппак кийим кийген, узун бойлуу, жүзү нурдуу, кара сакалы ээгин жапкан, бүркүт кабак, көзү бакыракай киши өзү келип салам берип учурашкан соң, Эрдене бийге кайрылды:

- Силердин араңарда бир касиети күчтүү, жарыгы элге тийген, байлыкка кызыкпаган бирөө бар экен. Аны силер капа кылбагыла. Макул көрсөңүз мага аны бир аз убакытка бере аласызбы. Мен көрүп-билип туруп, көргөнүмдү айтпай койсом, күнөө тартып калам деди. Эрдене бий башын ийкеп макул болду эле, тиги киши жылмайып, нурдуу жүзүн Сопуга кадап:

- Балам, жүрү мени менен. Биз бул эки кабат үйдө болобуз - деп, Сопуну ээрчитип жөнөдү. Эрдене бий эмне болуп тигил кишиге каршы сөз айта албай, Сопуну ага кошуп берип койгонуна таң калып, эки жигитти артынан жиберди. Бир жагынан Сопу жанына узап кеткени кадимкидей жалгызсырап, баалуу буюмун жоготуп жиберген кишидей эки жакты элеңдей карап, олдоксон да боло түштү. Аз убакыт өтпөй эки жигит жанына келип бир азга сөз жалгай албай туруп калышты эле, Эрдене бий башын жогору көтөрүп, эмне болду дегенсип белги берди эле, тиги экөөнүн узун бойлуурагы:

- Бизди ал жакка киргизбей коюшту. Бир топко күтүп туруп, сизге кайра келдик "эмне кылалы" - деген ойдо.

Бөтөн жер, бөтөн эл деген бөтөндүгүн кылбай койчу беле. Бул жолу Эрдене бий баштагыдай чакчаңдабай жай сүйлөдү:

- Сыр бербей аңдып тургула. Балким чыкчу учуру болуп калгандыр. Эгер чыкса дароо мында алып келгендей болгула, - деп катуу тапшырма берип, үмүттүү эки кабат үй тарапты карады.

***

Сабит жетимиш эки жаштагы, өз чөйрөсүнө кадырлуу, эки жолу ажыга барып келген, диндин талаптарын толук аткара билген такыба адам. Анча-мынча алдыны көрө билген касиетке ээ, айтканы туура келген өнөрү бар адам. Бул касиетти такыба жашап өткөн атасынан оогон. Атасы бир адамга катуу айтпаган, жумшак анан олуялык сапаты бар киши эле, учурунда. Атасын ээрчип жүрүп анын өнөрүн алып калганы минтип Сабиттин кадырын өстүрүп олтурат.

Базар аралап келе жатып, алгач эле көзү Сопуга урунуп, аны менен баарлашкысы келди жана баланын элесинен көзүнө көрүнгөн сырды ага айтып, жеңилденип албаса жаны жай алчудан болбосун билип, ушул жолго барды.

Карапайым Сопуга бөлмөнүн ичи укмуш кооз көрүнүп, таң калып да калды. Канча жерге барды бирок, ушундай көзгө толумдуу бөлмөнү ушул жашка келгени көрө элек болучу. Кооз жасалган үйдүн ичине көз жүгүртүп алып, анан гана суроолуу карап сөз күтүп туруп калды. Сабит коңур үнү менен:

- Балам, деги кайсы элден болосуң? Менин баамымда сенин улутуң башка улуттай сезилди, тиги кишилердин жанында. Андан дагы сенин дене мүчөңдөгү кемчиликти дагы байкадым. Баамымда булар сенин жашоодогу сапарыңа тоскоол болгондой иш кылышты беле? - деп, суроолуу карады. Сопу тиги жүзүнөнөн нур төгүлгөн кишинин алдына ала бир нерсени билип койгонуна таң калып, андан дагы өзүнө жан тарта сүйлөгөнүнө ыраазы боло бөлмөнүн ичин дагы бир жолу сыдыра карап алып, муңайыңкы жүз менен жер карап, улуттунуп алып:

- Ата, менин улутум Кыргыз, булар мени алты-жети жашымда уурдап келишип, эмне максат менен экенин билбейм, "кечир" кылып салышкан. Арманымды айтсам ат көтөрө алгыс. Аз жашаганым менен башымдан көптү өткөзүп койдум. Баарынан дагы менин эсимден атам менен энем кетпейт. Алар дале болсо менден күдөрлөрүн үзбөй, үмүт менен жашап жүрүшкөнү мени абдан түйшөлтөт. Дагы жакшы булар менин көзүмдү тазалап салышпаганына. Бирок азыр мен булардын жашоо шартына деле көнүп калдым.

Сөз ушул жерге келгенде, Сабит сөздү бөлүп.

- Балам, мен сени алгач көргөндө эле билгем, сендеги касиеттин жогорку деңгээлде экенин. Ошол себептен алардан бөлүп, мында сени алып келип олтурам. Баса, эми мен сөздү көп чойбой негизги сөздү айтайын. Сен азыр эле мага айттың "мени кечир кылып коюшкан" - деп. Укканым бар "Калмак менен Кыргыз келише алгыз душман" деп. Сени эмне максат менен булар уурдап келишип кечир кылып салышканына кийин өзүң түшүнөсүң. Айтмакчы, менин баамымда кийин сенден жакшы уул бала төрөлмөк, ошону булар билген үчүн сени кечир кылып салышкан. Ал баланын бул жалганга бинаа болушуна бут тозушканын мен дароо эле билдим. Эми сен мындай кыл. Буйруса эми сени булар бошотушат. Элиңе барганда менин айтканымды аткар. Сенин белиңдеги бала кайра эле өз улутуңдан төрөлөт. Учуру келгенде сага аян берилет. Ошол аянды аткарсаң, сен элиңе чоң иш кылган болосуң. Менин жеке баамымда сыймыгың ак куш экен. Көзүмө эмнегедир ак куш көрүнүп жатат. Айткандай сага алдыда боло турган окуялар жөнүндө белги берилет. Ошол касиетти сен кармап калгандай бол. Бул жалганда айтылат "бири кем дүйнө" деп. Бири кем дүйнө деген ушул эмеспи. Буга мисал катары сенин эле тагдырыңды алалы. Эгер сени булар уурдап кетип кечир кылып салышпаган болсо, сенден элиңе керек чыгаан уул туулат эле. Ошол уулдун тукуму акыр кыяматка чейин эл бийлеп, элдин жүгүн артынмак. Кап, бекер иш болгон экен. Сен көп жыл жашайсың, келечектен үмүтүңдү үзбө. Бирок мен айткан сөздү аткар. Качан сага аян келгенде, ал ишти так аткарганга аракет кылгандай бол. Биз бир мусулман калкпыз. Баарынан дагы Түрк, Кыргыз, Казак, Тажик, Түркмөн элдерин Түрк атанын баласы деп айтылат. Балким сага менин жолукканыма дагы биздин аталардын касиеттери себеп болуп жаткан чыгар. Дагы көп сөздөрдү айтат элем, сени менден кызганып, кожоюнуңдун чыдамы кетип күтүп жатат. Бир нерсе сураса, биз сүйлөшкөн сөздөрдү айтпа. Жөн гана "пикир алыштык" деп гана кой. Бар эми бара гой деп, жылмая карап, боор тартканын билгизип көзүн акырын жумуп, кайра ачып койду.

Сопу кылчак-кылчак артын карап, сыртка чыкса чын эле эки жигит өзүн күтүп турушкан экен. Алар жөн эле кадырлуу кишини күтүп турушкансып, алдынан утурлай чыгышып, бөйпөлөкөтөп жиберишти, жан алдары калбай:

- Сопу, сага эч катуу сөз айткан жокпу, эмне кечиктиң?- деп суроо берип да жиберишти. Сопу өзүн салабаттуу тутуп, берилген суроого шашылбай, алдыга эки-үч кадам таштап анан:

- Мага эч нерсе болгон жок. Мындай такыба дин адамдарынын колунан эч качан жаман нерсе келбейт. Баары жакшы. Жөн гана пикир алышкысы келиптир. Баса, силер эмне бул жакта турасыңар?

Бул берилген суроого тиги экөө бир ооздон:

- Бөтөн эл,бөтөн жерде эмне болуп кетет деген ойдо сенин коопсуздугуңду сактап келдик. Сопу бул сөздү укканда макирөө, булганыч бир нерсени кармап алгансып ичиркенип алды да, жаман көзү менен карап:

- Менин коопсуздугумду бул жерден эмес, талаа-түздөн сактасаңар болмок. Бул киши мени жаман ой менен чакырбаганын өзүңөр көрүп билип туруп, бекер убара болгон экенсиңер. Макул эми, жүрүгүлө, азыр убакыт да кеч болуп калды, эртерээк эс алгандай бололу. Баса, бий азыр кайда? - деди эле, тиги экөөнүн бири оозунуп, оозунан бирөө сөзүн жулуп алчудай шашып:

- Кожоюн да сени чыдамы кете күтүп жатат. Андан көрө айтчы, тиги киши эмне максат менен чакырганын. Баамыбызда абдан кадырлуу киши көрүнөт. Жөн адам көзүнө тик карай албагандай сүрдүү киши экен. Сопу бул сөздү укканда азга үн катпай кадамын алдыга таштап бара жатып:

- Ниети, пейили таза адамдар ар дайым көзгө башкача көрүнөт. Ал кишинин колунан эч качан жамандык келбегени билинип эле турбайбы. Силер мени бул жакта сагалап күтпөгөн болсоңор, жакшы болмок. Бир нерсе айтайын деген, бирок силердин күтүп турганыңардан улам сөзүн айтпай калды деп, сөзүн туюк бүтүрүп ойго алаксып кетти.

Чын эле бий өзү чыдамы кетип күтүп турган экен. Сопуну көргөндө жоодон уулун күткөн энедей сүйүнүп кетти. Алты-жети кадам алдыга басып утурлап тозуп алды да, алгач оозунуп суроо берди:

- Сопу, деги барсыңбы?! - деп. Сопу кош көңүл башын ийкеп гана жооп берип, кабагы салыңкы жүз менен карады. Бий качан ичкери киргенде гана экинчи суроону берди:

- Деги сен ал абышка эмне максат менен чакырыптыр? - деп. Сопу эми гана чечилип үн катты:

- Бий, биз бул жактан тезирээк кеткендей болушубуз керек. Болбосо жагымсыз окуя күтүп жаткандай белги берилиди. Тиги киши мени бирөөнө окшоштуруп алган экен. Ар нерсени эле сүйлөшкөн болдук. Андан дагы ал кишинин алдыны көрө билген касиети бар экен. Бизди бул жакта көпкө кармалбагыла деп айтты.

Бий бул сөздү укканда тынчсыздана түштү. Көзүн жүлжүйтүп бир жерди теше тиктеп туруп:

- Сопу, сага ыракмат, менин дагы жүрөгүм бир нерсени сезип жатат. Буйруса, аман-эсен эл-журтка жетсек мен, сени өз элиңе жиберем. Сенин ак кызматыңа ыраазымын. Адам баласы качан болсо "болгон сайын болсо" деп алдыга умтула берип, ач көздүктүн айынан жашоодогу сапарын булгап алат. Ушунча кирешеге шүгүр дейли. Эртең жолго камынуу керек, - деди чечкиндүү.

Бул сөздү укканда Сопу болуп көрбөгөндөй сүйүнүп, тээ кичинекей балалык кезин эстеди. Туулуп өскөн айылы көз алдына тартылып, ак мөңгү баскан бийик тоолор, жашыл тулаңга бойолгон жайлоо, ак калпак кийген аталары, ак элечек кийген апалары көз алдына элестеп, көзүнө кубанычтын жашы келе түштү. Бул да болсо ата мекенге болгон кусалыктын, сагынычтын бир гана үзүмү экенин жашырып болбойт эле.

Сопу үчүн эми убакыттын өтмөгү азап болду. Таң атса күн батпайт, күн батса таң атпайт. Жүк менен келген төөлөр артка сапар тартканда жүктөрү жок кадамдары тез шилтенип, жол арбыткан болушса да, Сопу үчүн жол арбыбай, бир жерге токтоп калгандай сезилип баратты. Адам баласы үчүн бир нерсеге шашылганда убакыт токтоп калгандай, же жол арбыбай калары анык иш эмеспи.

Акыры күткөн кез да келип, калмактардын жерине жетишти. Ушуга чейин Эрдене бий баш болуп, жүргүнчүлөр санаанын үстүнөдө келишкени анык эле. Мындай сар-санаанын нечендери үйдөн чыккандан бери өзгөчө Эрдене бийдин кан тамырында ушул убака чейин тынымсыз жүгүрүп турду. Анткени соодадан түшкөн кирешени тонотуп ийүү коркунучу бүт диттерин ээлеп алган эле. Айткандай Пакистандын чегинен өтө бергенде Сопу убакыт али эрте болсо дагы, бир жерге токтоп, ошол жерге түнөп калууну катуу суранганда, Эрдене бий каршы болуп жатып, кыйылып макул болгон. Эртеси күнү эртең менен капчыгайдын чыга беришинен тонолгон кытай соодагелеринин жүгүн көрүп, Сопуга дагы бир жолу ыраазы болуп, тилин алып, тиги жерде калып калганына ичинен тобоо кылган. Тонолгон жүк, таланган төө баштаган мал көргөн көздүн үшүн алды. Ал жүк ээлери "эрте жарыкта капчыгайдан өтүп кетели" деп шашып коюшкан.

Эгер Сопунун тилин албаган болсо алардай болуп тонолуп кетиши толук мүмкүн эле. Жүк болбогону менен капчык толо алтын динар бар эле, анын санаасын тартып келе жатканда, бул көрүнүш санаа үстүнө санаа кошуп, канаттары болсо азыр учуп жетчү жерге жетип баргылары келип кетти. Бул көр дүнүйөнүн тарттырган азабы эмей...

Эрдене бий элине келгенде Сопуну абдан катуу сыйлап оюна койду да, сөзүнө туруп, эки апта эс алган соң Сопуга азаттык берди.

Эки жигит ат менен узатып чыгышты. Аттиң, Сопунун ушул кездеги сүйүнүчүндө чек жок эле. Артын кылчайып карабай алдыга ат бастырып бара жатып, таттуу кыялга жетеленди. Айткандай бул калмактардын жери жазы жаанчыл, көктөмү эрте келет. Канчалык күнү-түнү менен күргүштөп жамгыр төксө дагы жери таштак келип, суу терең сиңбейт. Чөбү узун эмес, кыска. Ой кырына чыккан бетеге, шыбактардын бою сөөмгө жетпейт, ашып кетсе төрт эли. Жазгысын майда малдары бат ирденип, кыштан илбип чыккан арык-торугу тез көтөрүлүп, куйрук байлап эт ала баштайт. Көрсө жери кургак анан таштуу болгону менен кыска чөбү күчтүү болорун Сопу кийин байкаган. Улам төш таянып, өр тарткан чыбырларында топ-топ болуп үркүп чыккан төө тапан, карга тырмак, алтыгана, ак тикен. Булар төөнүн тамагы. Төөлөрү ошолорду жеп өркөчтөрү жайы-кышы бирдей ийилбейт, типтик.

Туулган жеринен, ата-энесинен ажырап келген кезин эсине салып, ушул басып өтүп бара жаткан жолдордон бир кезде ыйлап өтсө, эми сүйүнүп кетип бара жатты. Тээтиги карарып - түнөрүп, мунарыктап боз түшкөндөй чамбыл тартып батыштан чыгышты, чыгыштан батышты карай төө өркөчтөнүп чубалжып жаткан катмар-катмар бийик тоолордун ары жагынан бүлбүл көрүнүп, айчылык алыс жаткан Кыргыз жерин көздөй жол тарткан үч караандын бир Сопунун болгон дитин бир гана энеси ээлеп алды. Аттиң, бала үчүн алгач энеден өткөн ыйык адам барбы. Мындан канча жыл илгери эмчеги сыздап, көзүнүн жашы кургаганча ыйлап, ботодой боздоп калган энесинин көзүн тирүү көрүбү, ал азырынча табышмак. Ал эми бирге уурдалган Байгутунун тагдырын эстегиси да келбейт. Ошол кезде кандай кичине болсо дагы, болуп өткөн окуя күнү бүгүнкүдөй көз алдына тартылып турганы турган.

Эки калмак жигит Бедел ашуусунун туу чокусуна чейин чейин узатып келишти да, анан Сопу менен коштошууга туура келди. Сопу тиги эки жигит менен көңүл чек арасын сактап, жакшы маанай менен коштошуп мындай деди:

- Айдын он беши түн, он беши күн. Мени ушул жерден кечээ жакында эле уурдап өтүштү эле, эми минтип кайра экөөңөр узатып келип олтурасыңар. Ар бир адам үчүн өзүнүн мекени "мисир" деп айтылат. Эми биз бул жашоодо жолугушабызба же жокпу деги аман болгула - деп, кулакка жагымдуу сөзүн айтты. Эки калмак жигит Сопу минип келген атты жетеке салып кеткени жатышып, кош көңүл гана коштошкон болушту. Аткени баары бир алардын көкүрөгү, ой тилеги кыргыз үчүн ачылбасы ушул жерден дагы бир жолу билинип калды. Эки жигит жанынан узап кеткен соң, колундагы таягы менен чийип "ушул чектен бери өтпөй калгыла" деп калмактарга болгон өчүн, өзү сызган чийин менен алгандай болду. Бул чийген чийин өз таасирин берип, чын эле ошондон кийин калмактар кыргыз жерине кол салгандан коопсунуп, ашуунун башынан бери өтпөй калган экен. Балким Сопунун ичине толгон кеги, өчү ошол чийин менен чектелгенби, аны ачык айтып болбойт.

Ооба, адам баласынын жүрөгү көңүл сүйбөгөн нерсеге багынбайт. Сопу канча жыл калмак жеринде жашап, алардын даамын сызганы менен көкүрөгүн өйүгөн нерсе мекенине кантип жетүү болду. Болгон ой тилегине жетип минтип Бедел ашуусунун чокусунда туруп, Кыргыз жерин карап көзү тойбой турду. Дүйнө жүзү көзүнө кооз көрүнүп, жашоо кызык сезилди. Суу менен абасы, жаратылыштын кооздугу болгон бак-шагына, карагай-кайыңына, тоо-ташына бай кыргыз жерине эч жерди теңебей көзү тойбой карап туруп, көзүнө дагы жаш алды. Аттиң, туулган жердин топурагы, карааны эле эмне деген кооздукту тартуулайт. Сопу кеминде эт бышым убакыт туу чокуда туш тарапка көз жүгүртүп туруп, качан гана күн ылдыйлай башташанда таягын колуна алып ылдамдап басып жөнөдү.

***

Күндүн кызылы тээ алыскы тоо чокусуна бүгүнкү сапарым карыды деп батып бара жаткан кезде, Сопу кырка тигилген ак боз үйлөрдүн четки үйүн көздөй кадамын бурду. Боз үйгө жакын жерде эки тайган тумшуктарын колтуктарына катып, тоголоктошуп жатат. Сопу көлөмү чоңураак келген четки үйгө кирди.

Коломтого жакын кире бериштеги сол капшытка салынган үч бүктөм кара көлдөлөңдүн үстүндө башында апаппак топусу бар, толгураак келген манаттай кызыл киши малдаш токунуп олтурган экен. Сопу дароо ойлоп койду, "жашы улгайып калган өңдүү" деп. Бирок өзүнө жарашыктуу сыйда сакалы, субагай тарткан кер муруттарынын ак чалганы байкалбайт. Бетинин эч бир жеринде бырыштын белгиси жок. Чачын такырайтып алдырып койгон, бакырайган эки көзү илбирстикиндей күлүңдөп, от болуп күйүп турат. Кокус кыжыры келип теше караса көзүнүн курчу адамдын шилисинен чыга түшчүдөй. Мүнөзүнө караса өмүрү жамандык көргөн жан эместей. Деги эле бул кишиге карылык үч уктаса түшүнө кире тургандай эмес. Сопу салам айтып кирип келгенде, саламды алик алып:

- Кел, төргө өт! - деп, колу менен жүк тарапты көргөзүп, жүзүн буруп койду да, өзү олтурган ордунан солк этип да койгон жок.

Аңгыча сырттан неченчи аялы экенин ким билет, тиги кишиге караганда өтө эле жаш, жыйырма-жыйырма беш жаш чамасында болсо керек, бою шыңга, тараз келген, артык баш эти-жөнү жок, өңдүү-түстүү, карагаттай көздөрүнөн жаштыктын оту ойноп, караганда жалын чачып турганы байкалып турду. Жаш аял кыймылдаган сайын шарактап чолпудан үн чыгып, жаштыктын илеби сезилди. Буга чейин үн катпай олтурган тиги киши өзү сөз баштады:

- Жол болсун баатыр, алыстан келе жаткан түрүң бар? - деди, сөз улап. Сопу канча болду, нак кыргыз тилинде сүйлөнгөн сөздү укпаганына. Берилген суроого кыска гана минтип жооп берди:

- Калмак жеринен келе жатам, - деп. Тиги киши көзүн ирмем, чоң ачып тигиле кадап:

- Кебетеңе караганда илгери уурдалып кеткен балдардан окшойсуң. Тилиң бурулуп калыптыр, калмактардын тилине.

Сопу тиги кишинин баамчылдыгына баа берип, азга үн катпай туруп:

- Туура баамдадыңыз. Кичинемде калмактар уурдап кетип, бүгүн башыма азат берип, Беделдин ашуусуна чейин узатып келип кетишти. Биринчи көргөн кыргыз улутташым сиз болдуңуз. Макул көрсөңүз бүгүн конуп кеткенге уруксаат бериңиз. Таң эрте жолго чыгып, ата-энемди издейм, - деди. Тиги киши сынай карап, бир топко туруп:

- Кайсы элден болосуң, кайсы жерди жердеген ата энең? - деп сурап, кызыгуусу арта карап. суроолуу тигилди. Аңгыча сырттан эки карыя кирип келип калды. Сопу олтурган ордунан тура калып салам берип, ызаат көргөздү. Аңгыча чыгдан жактан жаш аял чырак күйгүздү. Анткени боз үйдүн ичин караңгылык каптап, көзгө эч нерсе көрүнбөй бара жаткан. Тиги эки карыя берилген саламды алик алышып, суроолуу карап коюшту "сен кимсиң" дегенсишип. Сопу ашыкча сөз сүйлөбөй, тиги эки кишинин кийген кийимине көз жүгүртүп, кызыга түштү. Анткени баштарына кийген калпак көзүнө жылуу учурап, укмуш кызык көрүнүп кетти. Сопу үй ээсин карап калды, сиз бирдеме деңиз дегенсип. Эки карыя төрдөн орун алып олтуруп жатып:

- Садык, баягы кеткен балдардан эч дайын билинбейт да, балким артынан издөө жиберсек кандай болот? - деп келген жөндөрүн айтышты. Тигилердин сөзүнөн улап Сопу үй ээсинин ысмы Садык экенин билди. Садык жактыра бербеген түр көргөзүп:

- Бүгүн түнү келишпесе, эртең эрте издетели. Ушул караңгы түндө ким кайдан издемек эле? Бул сөздү укканда тиги экөөнүн сакалдуурагы:

- Ооба, бүгүн түнү күтөлү, болбосо эртең эрте жолго чыкпасак болбойт го? - деп күнөөлүү кишидей сөзүн кыска бүтүрдү. Сопу сөз эмне жөнүндө болуп жатканын алдына ала билип:

- Менин баамымда силердин жигиттер калмакка жылкыга кетсе керек. Мен эртең менен жолго чыгып, Бедел ашуусунун аркы бетинен үч жигит жылкы айдап келе жатканын байкадым. Алар бизди көргөндө, жылкылардын башын такыр башка жакка бурганын көзүм чалды. Жанымдагы эки калмак жигит аларды байкадыбы же жокпу аны элес албай калдым. Буйруса бүгүн түнү келип калышары толук мүмкүн. Алардын кыймыл аракетеринен шашкан түрлөрүн байкагам. Баамымыда эки үйүр жылкы айдап алышкандай.

Бул сөздү укканда Садык сөзгө кошулду:

- Жылкыларды кайсы тараптан айдап келе жатышты эле? - деп. Сопу берилген суроого такалбай жооп берди:

- Кашкар тараптан келе жаткан. Алар дароо жылкылардын башын коктунун ичин көздөй бурганда, мен аларды калмактын жигиттери го деп ойлоп койгом. Азыр силердин сөзүңөрдөн улам, кыргыздар экенине ишеним артып айтып жатам. Бирөөнүн минген атынын өңү боз боло тургандай көрүндү.

Бул сөздү укканда тиги эки кишинин бири:

- Анда алар биздин балдар. Жуманын минген аты баягы үйүрдөгү боз айгыр эмес беле - деп сөз улады эле, Садык:

- Жума кызык неме го. Ошондой ишке дагы көзгө илине турган өңдүү ат минеби, ал болгон калмактардын көзүнө чалдыкты да, аныкы туурабы эми?! - деп, ачуулуу үн катты. Бул берилген суроого эч ким жооп айта алган жок. Сопу бир саамга үнсүз туруп:

- Сиздер эч кам санабаңыздар, таң эрте жылкыга кеткендер бул аймакта болушат. Аларды убара кылган үйүрдөгү жылкынын айгыры жолтоо болуп, жолдун арбышына тоскоолун тийгизип жаткандай.

Ишенимдүү анан көрүп-билип тургандай айтылган сөзгө тиги үчөө таң калып калышты. Манаттай кызыл киши сөздү бөлүп:

- Я бала, сен көрүп тургандай айтып жатасың, деги сенин айтып берүүчүң барбы? Эгер сенин айтканың чын чыга турган болсо мен ата-энеңди, айылыңды таап бергенге жардам кылам. Деги айтчы, бир нерсени билип айтып жатасыңбы же болжолдоп үйгө түнөп кетүүнүн амалы кылып жатасыңбы? Бул айтылган сөз Сопуга анча жага берген жок. Бирок берилген суроого өзүн сабырлуу тутуп, ишенимдүү жооп берди:

- Садык, байке мен болжолдоп эмес, так айтып жатам. Анткени менин көзүм чалды да аларды. Ар бир адам көргөн нерсеге алгач жакшылап баам салыш керек. Тиги үч атчан атка тың, өздөрү чыйрак жигиттер экенин алыстан көрүп эле билгем. Бүгүн түнү келет деп ишенимдүү айткан кебиме ишене бергиле. Алар күндүз көздөн далдоо болуу үчүн коктуга жашынууга бел байлашты. Эми түн кирип, эл орунга олтуруп ай чыккан кезде, айдын жарыгы менен ашууну ашып алышса, калмактардын куугунунан кутулду деп айтсак болот.

Садык дагы таң калып:

- Сен бала жөн бала эмес окшойсуң. Айткан сөздөрүңдө эч кынтык жок. Ооздон чыгып кетти, эгер алар таң атканга чейин келишсе анда сен, менин кадырлуу коногум бол. Анан мен ата-энеңди таап бергенге милдеттүү болоюн. Айткан кебиң тетири чыкса, анда күнөө сенде болсун.

Бул айтылган сөзгө тиги эки киши да кошулуп чокчо сакалчан, кара киши:

- Сенин оозуң жакшы экен. Жакшы кабар айткан кандай жагымдуу. Эми өзүң жөнүндө айтчы, кайсы элден, кайсы жерден болсуң? - деди. Күтүүсүз берилген суроо менен сөз такыр башка нукка бурулуп, Сопу өзү жөнүндө кенен токтолуп айтып берди эле, үй ээси бир нерсени эстегендей маңдайын теше тиктеп:

- Мен эми эстедим. Сен жоголгон кездерде, чарчаңкы келген эки киши артыңдан издеп барып "калмактардан келе жатабыз" деп, мында бир күн түнөп кетишкен эле. Ай, атың өчкүр, тилимдин учунда эле турат, сени издеген эки кишинин ысмы. Эсен беле негизи "эс" менен башталган ысым болучу. Андан бери канча жыл өттү деп түкшүмөлдөдү. Сопу дароо сөзгө кошулуп:

- Менин атамдын ысмы Эсет, кичине болгонум үчүн жеримди жакшы биле албай калдым, - деди. Сөзгө кошулбай олтурган эки карыянын бири:

- Балам, оозуңда сөзүң бар, сөз атасы болчу бала экенсиң. Жөн эле кулакта калчу сөздөрдү айттың. Бул калмактардын жүзү курусун. Ошол сен уурдалган кездерде канчалаган ата - энелер сыздады, балдарын ууртатып. Мал уурдалса да эч нерсе эмес, кара чечекей бала уурдалганды жан адамга бербесин. Биз күтүп жаткан жигиттер, кечээ жакында калмактар тийип кеткен жылкыларды кайра кайрып келгени кетишкен. Булар бизди тынч жашатпай калышты. Сөз уланып жатканда тасмал жайылып, булоолоно бышкан койдун эти келди. Курсагы ачканын Сопу тамакты көргөндө сезди. Элпек кыймылдаган жаш аялдын чач учпагы кулакка жагымдуу угулуп, боюн сыпаа тутуп, алгач сорпо куйду. Садык, бир чыныдан сорпо ичилгенде:

- Сопу, эч кам санаба. Эми эстедим, сени издеген эки кишини. Эсет деген киши менен Марка деген иниси болсо керек эле. Уруубуз Азык дегендей болду беле… Бул сөздү айтып "туура айттымбы" дегенсип карады эле, Сопу:

- Мен чынын айтсам көп нерсени биле албай калдым. Атамдын иниси Марка экени эсимде. Бирок уруум "Азык" экенин так биле албайм. Жаш сорподон ууртап, ысык эттен кесип оозуна салып, чайнап болгон соң:

- Садык байке, бул жалганда баланы ата менен энеден айрыбасын. Азыр канатым болсо айылыма учуп жетким келип турат. Дегеним, мен үчүн энемдин чеккен азбын эстеп алып азыркыга чейин чийки май жегендей болуп жүрөм. Мындан аз күн илгери бир балага жолуктум. Ал дагы мендей болуп, бала кезинде уурдалып барыптыр. Жаман жери атасы менен энесинин ысмын так биле албай калыптыр. Болгону өзүнүн ысмы Бактыбай экенин билет да, ал жактан калмактар башка ысым коюп алышыптыр. Азыр калмактар койгон ысым менен жүрөт деди эле, кара киши сөзгө кошулду:

- Ал баланын атасын сураштырып көрүш керек. Көбүнчө ошол кездерде Кемин тараптан балдар көп уурдалган.

Сопу курсагына бир нерсе баргангабы, шайы кетип уйкусу келе баштады. Кечке жол жүрүп, жол арбытып алуу үчүн катуу басканга, чарчап турган эле. Адам баласы катуу чарчаганда сүйлөгүсү дагы келбей калат эмеспи. Тамак желип болгондо, Сопу ошол олтурган жеринде олтурган бойдон үлгүрөп кетти. Баятан бери жакшы сөздөрдү айтып берип олтургангабы, үй ээси да тим койду. Качан гана үй ээсинин жаш аялы элпек кыймылы менен төшөк салганда, алиги кызыл жүздүү киши:

- Эс ал, катуу чарчаган түрүң бар, - деп түртүп ойготту. Сопу сыртка чыгып келип, төшөккө баш коёру менен көшүлүп уктап кетти. Кантсе дагы көптөн бери "өз элиме барсам" дегенде ак эткенден так эткенгеби, эмнегедир өз үйүнө келгенсип, эркин сезип кабагы ачык болду. "Элин сагынбас эр болбойт, үйүрүн сагынбас ат болбойт" дегендей, Сопу тестиер бала кезинде кетсе дагы мекенине, элине келгенге өңү өзгөрүлүп, жүзүн нур чайып, кубанычы койнуна батпай мемиреп, тынч уктады.

Эртең менен таңга жуук аттардын кишенелегенинен улам ойгонуп кетти. Кечинде Сопу айткандай жылкыга кеткендер келишкен экен. Алгач үй ээси кийимин чала кийген тейде сыртка чыгып, бир топко кармалып анан кайра кирип, аялына кайрылды:

- Гүлүм тур, конок баланын кечинде айтканы туура чыгып, жылкыга кеткендер келишиптир, "тамагыңды даярда" деп буйрук бере сүйлөдү. Бул үй тиги кишинин токол аялынын үйү болсо керек. Анткени ортолорунда бала жок, анан дагы үй ичиндеги буюмдар, салынган төшөктөр жаңыдай сезилди. Балким жаш аялдын себи жаңы келгенби, аны так айтып болбойт эле. Кобур үндөн Сопу ойгонуп, кийине баштаганда үй ээси:

- Коногум, кечинде айткан кебиң айтканыңдай келди. Бүгүн сен менин сый коногум болгону калдың. Баарынан да сен түндө уктап жатканыңда, эмнегедир мага бир сыр көрүндү. Аны анан айтам, азыр сыртка чыгып кел. Ага чейин үй ичи жыйналсын. Сопу эч сөз айтпастан сыртка чыкты да, жаңы атып келе жаткан таңкы көрүнүшкө суктана карап, күн чыгыш тараптан көзүн албай турганда жанына жылкыга кеткен үчөөнүн бирөө келип салам берип калды. Сопу берилген саламды алик алып, тиги жигитти башынан бутуна чейин сынай карап:

- Кечээ силер бизден бекер корктуңар, - деди. Тиги жигит эч нерсеге түшүнө албай калды да:

- Качан? - деген болду. Сопу болгон ишти болгондой айтып берди эле, эми гана эстеп: - Биз силерди калмактын жигиттери экен деп ойлоп, бети тик коктуга жылкыларды салып алып, катуу кыйналып калдык. Андан дагы айгыр абдан чалпоо экен. Биз жаңыдан коктунун кырына чыккан кезде, ат жетелеген эки жигитти көрүп, дагы жашынганга аракет кылдык эле, экөө бизге көңүл бурушкан жок. Сопу кабагын чытып:

- Бекер кылдыңар, качанкыга чейин жылкы тийген адат уланат болду экен? Бирөөнүн ак эмгек менен баккан малын уурдай качкан менин жеке оюмда туура эмесирээк. Бул сөздү тиги эки жигит жактыра берген жок. Бою узун, бет сөөгү жайыгыраак келген жигит:

- Алар биздин жылкыларды уурдай качкан үчүн, биз дагы аларга жооп бердик. Эмне калмактарга жарашып, бизге жарашпайт экенби? Тээ атам замандан бери кыргыз менен калмак сөөк өчтү душман. Бир ай илгери эле биздин жылкыларды тийе качышкан. Сөз ушул жерге келгенде үй ээси жакын келип калып, үзүлүп калды. Сопу дале болсо айлананы моокуму канбай карап, колдон келсе жолго эрте чыгууну көкүрөгүндө эңсеп турду.

Садыктын кабагы ачык. Анан эмне кылат. Бекер байлык, үйүрү менен жылкылар эшигинин алдына келип жатса, кабагы ачылбаганда. Тим эле тиги үчөөнө үйрүлүп түшүп, суроо үстүнө суроо берип үлгүрбөй жатты. Таңкы наарга жаңы олтурушканда кечиндеги эки абышка дагы келип калышты. Алардын дагы чечкейлери чеч болуп кубанып алышкан. Бир кезде чокчо сакалчан абышка:

- Конок бала, кандай эс алдың? - деп көңүл бурган болду. Сопу башын ийкеп:

- Абдан жакшы эс алдым. Буга чейин "мекенге кетем" - деп дегдеп алганга уйкум качып, түн жарымына чейин ойго жатчу элем, түндө катуу уктап калыптырмын, - деген болду. Жаш аял көзүнүн кыйыгы менен карап, чай куюп берип жатып, сөз тыңшап олтурду. Жылкыдан келген жигиттер баштарынан өткөн окуяны узун сабак кеп кылып айтып берип олтурушту. Баарынан дагы чалпоо айгырдын ордуна башка айгыр салбаса, кайра жерине качып кетээрин дагы кеп кылышты.

Сопу таңкы наардан кийин эле кете берүүнү өтүндү эле, кызыл жүздүү үй ээси:

- Бүгүнчө мында калып эс алып, өргүү ал. Эртең ат менен өзүм сени узатып коём. Баардык нерсенин өзүнүн учуру келет. Андан дагы оозумдан чыгып кетти, азыр мал союлат, конок бол. Сопу алты айласы кетип араң макул болду. Бир чети үй ээсинин жакшы тилек менен айткан сөзүн кыя алган жок. Жылкынын ичинен тулуптай семиз бээге бата тиленди. Аттиң, мал музздалып жатканда Сопу дагы ойго алаксып кетти да, олдоксон кыймылдаган жиниттин жанына келип:

- Сиз абайлабасаңыз, колуңузду кесип аласыз. Деги байкасаңыз деп эскертүү берип нары басты да, агып жаткан сууну тигиле карап туруп ичинен ар нерсени ойлоп "суу адам өмүрү" -деп, суу жөнүндө ичинен бир топ ырдын саптарын кайрыган болду. Аттиң, эгер колунда калеми жана кагазы болгондо, анда жакшы ыр саптарын жаратат беле ким билет? Аңгыча эле алиги бала колун катуу кесип алды. Сопу ичинен өкүнгөн болду "азыр эле эскертпедим беле" деп.

Бул күнү Сопу үчүн убакыттын өтмөгү азап болду. Убакыт чоң шашкеден оогондон кийин эт бышты. Сопу карылардын арасынан орун алып олтуруп, сөз улап калды:

- Карагылачы, Ысык-Көлдүн караанын. Ушундай көзгө сүйкүм көрүнгөн көл кайсы элде бар? Көлдүн карааны эле жерибиздин сулуулугунан белги берип турат го. Бул жалганда адам баласы көп нерсени учурунда биле бербейт. Керек болсо ар бир өтүп жаткан убактыбызда, бакыттын бир үзүмү катылып жатат. Ошол бакытты биз качан гана өтүп кеткенде баалап калабыз.

Тээ илгери бир кары киши болгон экен. Ал киши күн эстеп жаткан калыбында жаш кезин эстеп, ошол жаш кезиндеги бактылуу күндөрдүн ушундай тез өтүп кеткенине кейип олтурса, жанына баласы келип:

- Ата сизге эмне болду? Деги эле кабагыңыз ачылбайт десе, карыя минтип жооп берген экен.

- Балам сен дагы карыйсың. Ошондо билесиң жаш кезиңдин, бактылуу күндөрүңдүн өтүп кеткенин. Карылык келгенде бул жашоонун оюну кызыксыз болуп калат тура. Эгер азыр жаш кезимди кайра кайрып берген болсо, анда баары башкача болбойт беле. Адам баласы ар бир өтүп жаткан убакытты туура пайдаланып калганы дурус, - деп айтканда, баласы айтылган сөздүн тереңине маани берген эмес экен. Кийин бала карып атасындай болуп боз үйдүн капталында күн эстеп жатып, атасынын айткан сөзүн эстептир. Көрсө карылык келгенде дене муздап, күндүн жылуулугун эңсеп калат тура. Минтип айткан сөзүмдүн себеби, тиги боз үйдүн капталында күнөстөп жаткан карыяны көрүп айтып калдым.

Төрдө олтурган кара киши:

- Ал киши азыр бул жакка олтура албайт. Тамакты да мүнөздөп ичет, - деди актанып. Бул сөз менен ал карыя тиги кишинин атасы экенин Сопу айттырбай билди да, ичинен ойлоп койду "сен дагы атаңдай болуп карыйсың, ошондо түшүнөсүң атаңдын азыркы абалын" деп.

Эртеси таң эрте Сопуну узатып үй ээси өзү чыкты. Анткен менен сөзүнө туруп, жеткирип келүү үчүн камынып чыккандай түр көргөздү. Жолдо ката улам жолуккан кишиден сурап жүрүп олтурду "Азык уруусунун эли кайсы жерде жайгашкан" - деп.

***

Ата - эне үчүн бала канча жашка чыкса дагы, бала бойдон калары эч шексиз. Арадан канча жыл өтсө дагы Аксаамайдын эсинен уулу Сопу кеткен жок. Дайыма көз алдына уулунун уурдалып бара жатканы элестеп, көзүнө жаш алып жашып алган адатка айланган.

Кечинде кеч жаткангабы таңга жуук эмнегедир чочуп ойгонуп кеткен Аксаамайдын көз алдына уулу тартылып, аны дагы ойлоп жатып бир кезде көзү илинип кетти. Таңкы татуу уйку кандай адамды өзүнө тартат. Аксаамай таттуу уйкунун кучагында жатып түш көрдү. Ушунчалык аз убакыттын ичинде, түшүнө уулу кирди. Сопу келишкен жигит болуп чоңоюп, астананы аттап кирип келе жатканын кадимкидей көрдү. Ал турсун экөө кучакташып көрүшүп жатышкан экен. Жаңы гана уулунан "кантип келип калдың?" деп сурап жатканда, күйөөсү Эсет ойготуп жиберди. Эх, жакшы түш көрүп жатканда ойгонуп кеткен кандай жагымыз окуяны тартуулайт. Аксаамай кабагын чытып:

- Азыр турам, - деп жооп берип коюп, кайра көзүн жумду, алиги түшүн кайра көрү үчүн. Бирок бир кирген түш кайра кайталанбайт да. Канчалык көзүн жуумп уктаган менен түшүнө уулу кайра кирген жок. Алиги көргөн жакшы түшү кайталанбады. Бул кезде күндүн башталышынан белги берилип, жарыгын чачып күндүн нуру тоо башынан кылтыйып калган. Аксаамай сыртка чыгып, Сопу уурдалып кеткен күн чыгыш жакты карап туруп калды. Аттиң, эненин тилеги ай, бул жашоодо балага болгон эненин тилегиндей тилекке эч нерсе жетпейт го чиркин! Бир кездеги беш-алты жаштагы уулу уурдалып кетип бара жатканы көз алдына тартылып, көзүнө чолок жаш келе түштү. Буга чейин курган эненин көзү канча жолу тузу ачуу ысык жашка батпады. Эх, эне ай! Анан кантет. Алтымыш тамыры, ак сүтүн берген эмчеги зыркырап, канча какшанып ыйлабады. Бирок үмүтү али күнчө акталбай келе жатканы кайран энени дале болсо ойго салып келет. Аңгыча жанына күйөөсү Эсет басып келип, каруудан алып:

- Ой, сага эмне болду деги? Таң атпай жаман жорукту баштап эмне ыйлап жатасың, дени кардың сообу?! Аксаамай эми гана эсине келип, жең учу менен көзүнө келген жашты аарчып:

- Эмне болмок эле, баягы эле Сопумду эстеп кеттим. Эмнегедир эле күн чыгыш тараптан келип калчудай сезиле берчү болду, - деди эле, Эсет кантсе дагы эркек эмеспи, теңелгиси келбей:

- Келсе эмгиче келмек да. Аны эстеп эмне кыласың, унутчудай деле убакыт өттү го. Андан көрө уйларыңды саап, ишиңди кылчы, болбогон нерсени айтпай. Ансыз деле азыр убакыт тар болуп жатат. Бүгүн чоң жыйын болот имиш, малды жайытка чыгарып коюп, жыйынга барам. Кечинде конок келип калышы да мүмкүн. Марканын кечинде келгенинин себеби, биздин урууну дагы конок алгыла деп айттырыптыр, болуш. Элден калбай конок алса алып коёлу. Коноктун келип турганы жакшы. Баса, мал жайытка чыгып кете электе бир кой кармап калалы. Аксаамай эми сөзгө кошулду:

- Жайыт жакын эмеспи, мааратып алып калбай эле кой. Балдар ат менен барып өңөрүп келе коёт. Эсет бул сунушка макул экенин билгизип сөзгө келбей, тушалып оттоп жүргөн атын көздөй басып кетти. Бирок ичинен күмөн ойго кабылды. Мунун себеби канча жыл өтсө дагы Аксаамайдын жоголгон уулунан күдөрүн үспөй жүргөнү, жакшылыктын белгисин берди. Анткени "эненин жүрөгү эч качан алдабайт" деген ойго такалды.

Мал жайытка чыгып, самоор кайнап, таңкы наарга олтурушканда Аксаамай чай ичип кыдыракей олтурган балдарына көз агытып карап алып:

- Кап, эгер Сопум уурдалбаган болсо, араңарда олтурбайт беле… деп, төрдө олтурган Эсетти карап:

- Эртең менен сен мени такыр туура эмес учурда ойготтуң. Түшүмө уулум Сопу кирип аны менен учурашып, кучагыма кысып алыптырмын, бир сөз айтканы жатканда анын сөзүн укпай калдым. Бир нерсе айткыча болбой ойготуп жибербедиңби. Балким "келип калабы" деген дагы ой пайда болду. Ал кадимкидей астананы аттап кирип келди. Байкушум чоңоюп калыптыр.

Эсет бул сөздү укканда:

- Келип калса гана атаганат. Ылайым көргөн түшүң төп келип калса экен. Сен эмес кээде мен дагы аны эстеп алган адат таап алдым.

Сөз ушуну менен уланып,таңкы наар кантип желип, болду эч кимиси билбей калды. Атаганат, үй-бүлөө толугу менен тамактанып олтурганда жакшы сөздөрдү сүйлөшүп олтурган кандай жакшы. Бул үй бүлөө үчүн жоголгон уулу, табылып калгандай элес берилди. Анткени бир гана Сопу тууралуу сөз болбодубу. Бир туугандар дагы жоголгон Сопу жөнүндө сөздү ынта коюп угушуп маанайлары ачык, маңдайлары жарык эле.

Аңгыча сырттан аттардын дүбүртү чыгып калды. Эсет сыртка чыкса агасы Бекечал, иниси Марка дагы эки-үч киши келишкен экен. Булар боло турган жыйынга чогуу баруу үчүн атайын Эсеттин үйүнө кайрылышкан болучу. Ат үстүнөн эле нан ооз тийишип, жолдорун улантышты. Даяр болуп турган Эсет мамыда байланып турган атына минип, артынан жөнөдү.

Таңкы жел акырын согуп, жаңы гана көтөрүлгөн мемиреп тийген күндүн нуруна маашырлана кебелбей жай бастырган атчандардын ортосунда анча деле сөз уланбай, ар кимиси өз ойлору менен алек болуп баратышканда, суйдаң сакалы ээгине жарашкан, азык уруусунун жакшысы аталган Түгөл карыя катар бастырып келе жаткандарды сыдыра карап алып:

- Азыр биз жыйынга барганда сөз кызып калган кезде, баягы жоголуп кеткен балдарды калмактардан кайрып келүү маселесин козгойлу. Канча убакыт өттү, бирок эркек уул баары бир аман болсо өз элин сагынбай койбойт. Эсет, сага айтаарым, бул маселени сен козго, калганын мен улап кетем. Жакшыбай атабыз да карып, жыйынга бара албай калды. Ал болгондо манаптарды тике карап эле айтып, жардам сурамак. Буга чейин бул сөздүн козголбогонун жана эмне үчүн толгондон бүгүн бул сөздү айтып калганына алгач Эсет таң калып, суроолуу карады эле, Түгөл карыя Эсеттин оюн билгенсип:

- Эсет, менин баамымда сенин уулуң аз күндө табылып калышы толук мүмкүн, - деп айтып, кайра сөзүн токтотуп аттын жалына тигилди. Эсет үмүт менен көзүн бакырайта карады. Катар баскан аттардын добушу эле кулакка угулбаса, айлана тынч. Бир гана Эсеттин көңүлү алып учуп, жакшы кабар уга таргансып сырын ичине катып, жаңыртып суроо бергенден жазганып, жөн туруп эле минип бара жаткан атын теминип алды да, кайра тайсалдай түштү. Анткени темингенде аты алдыга озо түшкөн эле. Түгөл карыя бир топтон кийин гана кайра сөз козгоду:

- Баарыңар угуп койгула, эмне болгон күндө дагы калмакка ишенбегиле. Алар канчалык эл болуп беребиз деген күндө дагы, дилин беришпейт, кыргызга. Оңуту келген жерден жамандыгын бүкмөлөп жасай беришет. Уктуңар беле, кайсы улут энеден баланы ажыратып, уурдай качканын? Бир гана калмактар ушул адам колу барбаган ишке барып, канчалаган ата менен энени сыздатышты. Ушул жыйында бул маселени козгоп, жакшылар менен чечишип келбесем. Минтип айтканымдын себеби, жакында Сарытай деген баатыр калмактарга барып, малай болуп жүргөн кыргыз балага жолугуптур. Ал бала кичинесинен уурдалып кетип, атасынын дагы ысмын билбей калыптыр. Бул жакка алып келе берейин деген экен, бирок тили дагы бурулуп калган экен. Курган бала өзү да кетенчиктеп коюптур. Бул сөздү укканда Эсеттин денеси калтырап, өңү бузула түштү. Анткени тиги кишинин айткан сөзү эски жарасын козгоду. Түгөл карыя сынай карап алып:

- Эсет, сен бул айтылган сөздү өзүңө алба. Менин угушума караганда сенин уулуң аман-эсен экен. Калмактардын билерманы сенин уулуң менен гана кеңешип иш кылат имиш. Анткени уулуң абдан акылдуу анан тигилердин билерманынын тилин таап алган өңдүү. Бул сөздү угуп Эсеттин дагы эси ооп калды. "Мунун баарын кантип угуп, кайдан билип алды?" - деген суроого жооп таба албай турганда Түгөл карыя:

- Эсет, азырынча бул сөз ушул эле жерде калсын. Аныгын толук билген соң, мен сага баарын айтып берем. Ар бир адамдын жаман сапаты жана жакшы жасаган иши эч билинбей элге жетип турат. Сарытай баатырга калмактардын бир ачык оозу айтыптыр "биздин билерман биз менен эмес, буруттардан уурдалып келген баланын сөзүн угуп, башы айланып калды. Бирок ал баланын өнөрү күч. Сынчы анан дагы алдыны көрүп билгендей айткан сапаты бар. Эч жерде окубай туруп окуганды үйрөнүп алганы да, бизди ойго салып келет" деп айтыптыр. Ал баланын ысмын сураса айтпай коюптур. Менин баамымда ал бала сенин уулуң Сопу. Сөз ушул жерге келгенде Бекечал сөздү бөлүп:

- Ошол бала сиз айткандай биздин бала болуп калса, анда өзүбүз эле издеп барып дайынын билип келгенибиз оң эмеспи, манаптарга догурунбай. Түгөл карыя тиги кишини жактыра бербей, үшкүрүнүп, күйшөлө түшкөнүнөн улам Бекечал өзүн күнөөлүү сезип, ат жалынан көзүн албай катты да калды. Сакалы суйдаң тарткан Түгөл карыянын каржалган, үшү кеткенсиген кейпи бир саамга катар бастырып келе жаткандардын зээнин кейитти. Түгөл карыя өз керт башынын, үй - бүлөөсүнүн түйшүгүн тартып жүргөн адамдардан эмес. Дилинде кайраты ташкындаган, максатчыл, тынч жатып куунак өмүр сүрүүнү жактырбаган, сергек адам. Ошол сапаты болгон үчүнбү минтип жыйынга баруу үчүн эрте камынып, инилерин ээрчитип жолго чыгып олтурат го. Бир кезде капталын кыйгач карап:

- Бекечал, мен бекер жерден манаптарга чоң жыйында "бул жөнүндө сөз козгоюн" деп айтып жаткан жокмун. Алар эл бийлеп, жакшы аталып жаткан соң, бул маселе боюнча маалыматты билгендери жакшы эмеспи. Ал жакта бир эле биздин бала бар экенби. Толуп жатат эл, жери көздөрүнөн учкан кыргыз балдар. Бир чети Түгөл карыянын айткан сөзүн эптүү көрүшүп бул жолу эч кимиси сөз кайрып айтышкан жок.

Жыйын кичи шашкеде башталды. Эл көп келгенин ушундан улам билсек болот, жүз баш үйдөн эле жүзгө жакыны тигилип, келген коноктордун аттары эки чакырымдай жерге желеге байланган кулундай тизилип турушту. Жыйынды сөзгө чечен, сөз атасы аталган Шамен баштады. Сарыбагыш, Солто, Азык, Бугу, Саяк, Черик урууларынан келген атуу-баштуу кишилери сөз алып сүйлөп, ар тараптуу кеп-кеңештер айтылды. Бир кезде Түгөл карыя жарыш сөзгө чыгып, өзүнүн оюн ортого салды эле, бул сунуш абдан маанилүү анан таасирлүү болду. Ал турсун уурдалып кеткен балдарды кайра кайрып келүүнү дагы негизги жасала турган маселеге киргизишти. Аттиң, сөздүн күчү. Чын эле Түгөл карыя эч ким ойлобогон жана жан кейиткен маселени козгогону көп кишинин көңүлүн өзүнө бурду. Бул сунуш айтылары менен көк ала сакалчан карыя чыгып уулунун уурдалып кеткенин айтып, жакшылардын алдында арманын төгүп жеңилденип да алды.

Бир кезде Эсеттин жанына бир киши басып келип:

- Эсет деген киши сиз болосузбу? - деп сурап калды. Эсет башын ийкеп жооп бергенге араң жарады. Анткени тиги киши дагы өңүн бузуп, жаман кабар айтчу кишидей көзүн сүзүп алганы жаман ойду ойлогонго түрткү берди. Чап жаак, суюк сакалы бетине жараша бербеген тиги киши колун жаңсап:

- Сизди тиги жакта чакырып жатат, жүрүңүз - деди. Эсет канчалык өзүн эркин сезгиси келсе дагы кандайдыр бир күч денесинен басып алгансып, ордунан араң копшолуп туруп, алты айласы кетип тиги кишинин артынан ээрчий басты. Көпчүлүктү аралап азга басканда эле кара тору, узун бойлуу, арыкчырайынан келген, жетимиш жаштан өтүп калган киши алдынан утурлап чыгып, алгач салам айтты. Бул кишини көргөндө эле Эсеттин көңүлү жайлана түштү да, жакшы кабар уга турган адамдай, берилген саламды жакшы маанай менен кабыл алды. Эсет бул кишини тааныбаса дагы ал акыбалын сурады, бирок тааный албай абдан убараланды. Анткен менен үнү кулагына тааныштай угулду. Бирок бүшүркөп турду, бир топко тааный албай. Көрсө бул киши тээ илгери уурдалган баласын таап келип берген Самсаалы экенин үнүнөн улам таанып, Эсет кайра жакшылап учурашып, уулунун абалын сурап ийди. Самсаалы сөз кезеги келгенде, үнүн жай чыгарып:

- Эсет, мен сенин жасаган жакшылыгыңды кантип эсимден чыгарат элем. Жашоо шартка байланыштуу жер которуп кетип, сени менен байланыша албай калдым. Баса, бир кезде мени сүйүнттүң эле, эми кезек мага да келди окшойт. Сага жакшы кабар айтайын деп чакырткам. Бул сөздү укканда Эсет көзүн кымыңдатып, үмүт менен карады "кулагым сизде" дегенсип. Самсаалы кепти эмнеден башташты билбей бир саамга туруп калды да, анан:

- Эсет сүйүнчү, сенин уулуңдун дайынын билдим! - деди. Бул сөздү укканда Эсеттин жүрөгү кабынан чыгып кете тургансып катуу согуп, сөзгө келбей көзүн жалдыратып эле туруп калды. Самсаалы эми шар кетти:

- Эсет жакын арада уулуң үйүңө келет. Калмактын чоңу уулуңа азаттык бериптир. Ушул кабарды айтып койгум келди. Эсет чийки май жеген адамдай кылгыра түштү. Анткени уулу жөнүндө так маалымат уга албай калганы үчүн. Көңүлү чөгүп, кабагы салыңкы, үнүн жапыз чыгарып:

- Мынча болду так айтыңыз, балким алдынан тозуп чыгармын. Көп болсо Бедел ашуусунун башына чейин барармын. Самсаалы өзүнүн шашмалыгына дагы бир жолу ичинен нааразы болуп алды да:

- Эсет, менин оюм сенин үмүтүңдү жандыруу эле болучу. Жакында бир калмак жигитке жолуксам ал айтты "аз күндө бизден бир балага азаттык берилгени жатат. Ал баланын ысмы Сопу. Бирок качан азаттык берилет аны так айта албайм" деген. Сенин уулуңдун ысмын укканда эле менин кубанычым койнума батпай, сага айтып жибербедимби. Макул көрсөң бир айдай убакыт күтө тур. Балким келип калышы ажеп эмес. Эсет эми гана уулунун аман экенине нак ишенип, көзү оттой күйүп, үмүт оту жанды. Андан дагы эртең мененки Аксаамайдын дагы түш көргөнүн эстеп, көпкөк болгон асманга көз жүгүртүп, өзүнчө ойго алаксып кетти. Бул эми атанын балага болгон кусалыгы, балага болгон сагынычы, үмүтү жанганы эмеспи. Аз убакыт өтпөй жыйындын алгачкы бөлүгү аяктап, тамактануу үчүн убакыт бөлүндү. Кыжы-кужу сөздөр, ар ким өзүнүн ойлогон оюн туура көрүп, ар тарапты көздөй басышты.

Аксакалдар, эл жакшысы аталган акыл кошчулар, алыстан келген коноктор топ-топко бөлүнүп, боз үйлөргө кире башташты. Чабарман ат үстүнөн кыйкырып жүрдү "тезирээк тамактангыла, жыйындын экинчи бөлүгү дигер намазына жетпей башталат" деп.

Бул жалганда улуу Алла жаратканда ар бир жанга жана жаныбарга ырыскы бөлгөн эмеспи. Ушунча котологон элге тызылдап чуркап жаш жигиттер кызмат кылып жүрүштү. Эсет жаш балдарды көрүп "Сопум аман болсо, ушул балдардын жашына чыгып калса керек" деп ойлоп койду. Казысы жарылган жылкынын бышкан эти жаңы алдыга келип, устукан колго тийгенде сырттан бир жаш бала ичкери эдиреңдеп кирип келип:

- Эсет ата, сүйүнчү! Сопу байкем келди! - деди. Боз үйдөгүлөр эмне болуп кеткенине түшүнө да албай калышты. Эсет колуна алган устуканды тасмал четине коё сала эле, олтурган ордунан атып туруп:

- Я, эмне дедиң?! - дегенге араң жарап, сыртты көздөй кадам таштады. Кулагы тунуп, эч сөз уккан жок. Аттиң, жакшы кабар адамды калдастатып дагы салат белем. Эсет сыртка чыгып, жарытылуу сөз оозуна келбей жөн эле жалдырап гана туруп калды. Мына баланын күйүтү. Ушул кабарды укканда көз алдына уулунун уурдалып кетип бара жатканы кадимкидей тартылып, көзүнө ысык жаш келе түштү.

***

Эки атчан үч күн катары менен ат бастырып, жол азабын тартышты. Улам жолуккан айылдан жана кишиден Эсеттин айылын сурап жүрүп олтурушту. Садык идиреги бар Сопунун ар бир кыймылына, айткан сөзүнө, келечектүү максатын ал турсун алыскы Мекке, Медина шаарына чейин барып келгенин укканда оозу ачылып, таң калып калды. Баарынан дагы чоң-чоң шаарлардагы элдин көптүгүн, китеп окуп билим алуу керек экенин узун жолду кыскартып айтып берип, аз да болсо Садыктын көзүн ачып койду. Ал кезде кайдагы китеп, окуу жана билим алуу эмне экенин караңгы эл кайдан билсин. Качан гана көлдүн аягы болгон Көтмалды азыркы Балыкчы шаары орун алган жерге келгенде, Эсеттин айылы кайда экенин сурап билишти. Ушул жерге чейин эле узатып келүүнү ойлогон Садык сөз кызыгына кирип, үйгө чейин жеткирип барууну алдына максат кылды. Сопу дагы анын оюн билгенсип, эч ашыкча сөз айткан жок. Бир жагынан биринчи жолуккан кыргыз, андан дагы даамын татып калганга, ичинен ыраазы болуп, көңүлү жылып көргөн билгендерин дагы айтып баштады. Жетимиш жашка кадам таштап калган Садык ушул жерден нак ишенди "көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет" деген накыл кеп турмуштан алынганына. Сопу бир кезде ойдо жок жерден эле минтип айтып калды:

- Аба, сиз оюңузга албаңыз. Сиздин жаш алган жарыңыз абдан эле чырайлуу экен. Колунда бар бай менен манаптар дайыма аялдын өңүнө кызыгып алып, тукумдарын бузуп алышат. Сулуулардын сулуусу, акактай таза, айнектей тунугу колунда бар бектерден кайда качат? Минтип айткан кебимдин төркүнүн эсиңизге түйүп коюңуз: сулуу катындан туулган уул менен кыздын көбү шайкелеңирээк болушат. Баарынан да сулуу аялдан туулган уул бала көйрөң келип, мокок чыгат. Анан дагы чоңойгондо ал бала аял затына жакын чыгып, оюн-зоокту жакшы көрүп, кылыч кармагандан качып, кыз жандагысы келет. Ал эми аруу, сулуу катынга суктангандар четтен чыгат. Көз артып, мактай берсе акырын аялдын дили бузулат. Көп мактаган жибек тез торсуйт, көп мактоо уккан катын тез жибип, тез бошойт. Айтайын дегеним, сиз өзүңүз абдан жоомарт, чечкиндүү, ажаат ача билген жакшы адам экенсиз. Бирок мен сизден өзүңүздү тарта турган, элдик уул болучу уулуңузду көрө алганым жок. Аз жашадым, бирок көптү көрдүм. Араб элинде болдум. Алар дагы аялга жакын эл келишет экен, коштоп эле аял ала беришкени мага жаккан жок. Ар бир адамдын жашоо шартына жараша тагдыры, буйруган өнөрү болот. Сиз жылкы баласына кызыккан жан экенсиз. Албетте күлүк ат минүү ар бир эркек уулдун максаты. Күлүк ат намыс алып берет, анан беделди көтөрөт. Ал эми уулдун жакшы чыкканы атанын түгөнгүз байлыгы. Макул көрсөңүз азыркыдай залим заманда, эрдин алган аялы да өзүндөй чечкиндүү, жоокердей сымбатта болбосо тукум курубайбы… Садык жаш баладан мындай таасын сөздү угам деп ойлогон эмес. Сопуга жолукканы сынчылык сапатын да байкады. Жаш алган аялын чынында эле өңүнө карап, малдын көзүнө карабай, калыңды ченебей берип алган. Анткен менен бул алган аялы көңүл отун жашартканы болбосо чын эле, Сопу айткандай келген-кеткен эркек тааналар көзү агылганча карап, суктангандарын далай эле жолу байкабадыбы. Чын эле аял заты көйрөң жан келээри анык кеп. "Бул жаш бала ойлогон ойду, ушуга чейин эмнеге ойлободум" деп чукул ойго алаксый түштү. Мына эми нак ишенди Сопунун келекчекте кандай адам болорун. Албетте акылга дыйкан, сөз атасы, элдин башын кошкон, далай азап көргөн байкуш журтту, чачылган, өксүгөн, баёо элге жол көрсөткөн эге болчу уул болорун алдына ала билди. Ойго алаксыган Садыктын оюн окуп билгенсип Сопу дагы сөз козгоду:

- Менин көп эмгегим калмактарда калды. Аттиң, бир өкүнгөнүм ата мээримин көрбөй өскөнүм. Сиз капа болбоңуз, эгер катуу сөз айтып алсам, - деди эле, Садык эч үн катпады. Алды жактан түтүн жыттанып, иттердин үргөн үнү угулуп, жакынкы айылга жакындап калгандарын сезишти. Маңдайкы тоонун тескейинен жылкы кишенеп, үйүрүн коруган айгыр туш келди чуркай буту менен жер чапчып, жылкычылардын өз ара үн салышканы алда кайдан угула, демейдеги турмуш, көчмөн элдин кадимкидеги тиричилиги жүрүп жатканынан белги берди. Кыялы менен асмандап жүргөн Садыкты, жанындагы жаш бала таасын айткан сөзү менен көктөн көтөрүп алып, бутунан жерге коюп койгондой болду.

Айылдын четинен кыйгап өтүшүп, суу жээгинде тигилген он эки канат ак боз үйдү көздөй жай бастырып келе жатышты. Анткен менен карылык сөөлөттөн алыс, денеси али кырктын кырындагыдай көрүнгөн Садыктын кадыры чоң экенин Сопу жолдо келе жатып байкады. Бул жолу дагы жөн үйгө түшпөй колунда бар, манаптын үйүнө келгенин дароо билинди. Эки бала утурлай чыгып, тизгиндерге колдору чап жабыша, ат алышты. Боз үйдөн чыккан комуздун үнүнө Сопу кулагын төшөп, ынта коюп тыңшап калды. Аттиң, комуз үнү кыргыз уулун баары бир өзүнө тартып турат белем.

Салам айтып ичкери киришкенде, төрдө жамбаштап комуз үнүн угуп жаткан сөөлөт күткөн, курсагы чоң, маңдайы жарык адам обдулуп жаткан абалынан боюн көтөрүп, олтуруп колун сунган болду. Качан гана Садыкты тааныганда:

- Оо, кел бугунун кыйыны - деп, тамаша чала сүйлөдү. Бул Чертки уруусунун мыктысы Карабай эле. Учурашып, ал жайды сурашкан соң, бир чыныдан кымыз куюлду. Маңдайкы бетте тушалган беш-алты буудандар оттогондон эрингендей өз беттеринче ныксыраша, катуу тоюп алган уйлардай бир орундан жылбай турушат.

Боюн көтөргөнсүгөн бул байдын үйүндө деле аземдүү буюмдар, көзгө уруна турган байлык деле байкалбайт. Кезинде башка байлар сыяктуу эле нечен асыл байлык чогултса, анысы бир эле күнү колдон төгүлгөн суудай көздөн кайым болгонун билет. Карабай далайды башынан өткөргөндүктөн, акылы жетик, көзү канык. Айылында баланчанын аялы эркек бала төрөптүр десе, бул кабарга кадимкидей кубанат. Кыргыздын саны өсүп, элимдин тукуму көбөйсө дегенде эки көзү төрт.

Сөз алыстан башталып, Садыктын кай тарапка жол тартканын, ал турсун Сопунун айылынан бери сурады. Карабай тигиле караган тейде, бир топко туруп:

- Тээ илгери азык уруусунан тарагандар Кеминдин күнгөйүн байыр алышкан эле. Азыр Шамшынын белин ашып, Кочкор тарапка келди деп уктум. Укканым бар, Кашкелең айылында негизги Азык уруусу байыр алганын. Сопу эми гана эстеди "Кашкелең" деген сөздү уканда. Анткени ошол тараптан уурдалып кеткенин элес-булас эсине алды. Бирок эч үн дебестен сөз тыңшап олтугандай сыр көргөзүп, сөзгө кошулган жок. Ар тараптуу сөздөр козголуп, бул үйдө кеминде тайдын эти быша тургандай убакыт кармалып калышты. Бир кезде үй ээси жоон үнү менен сырты карай үн салган болду:

- Камчыбек?! - деп. Ушул эле үндү уга албай турган белем, сырттан кыймылы чапчаң, жаш жигит шып кирип келип, оозго туруп калды да:

Элпек үн катты:

- Эмне дейсиз? - деп. Карабай жигитти тик карап:

- Буларды иттен чыгарып, узатып койгула. Тамак ич десем күтпөйбүз дейт. Бара туган жерлери алыс экен деди. Тасмалга бата тиленген соң, баары текши олтурган орундарынан турушту. Сопунун көзү киргенден чыкканга чейин комузда болду. "Болгону үч кылы бар, анан ушундай мукам үндү кантип чыгарып жатат?" деп, таң калып, аны ойноткон кишини да сынынан өткөзүп алды. "Тили жок жыгач менен үч кылга үн киргизген кандай жакшы өнөр" деп ойлогонго үлгүрүп сыртка чыкты.

Ооба, Сопунун кээде эч үн дебеген сыпаалык жайы да бар. Бул үйгө киргенден чыкканга чейин эч үн катпады. Болгону үй ээси менен Садык гана теңтуштук сөздөрү менен кобурашып олтурушту. Бай менен манаптардын сөзү баягы эле жайыт менен малга барып такалат эмеспи. Айткандай эле бул экөөнүн дагы сөзү малды кайсы жайлоого көчүрүү, кышта кайда кышташ керек ушул теманын тегерегинде кеп учугу уланды.

Күдүн нуру чакыйып, төбөдөн тийип турган кезде эки жолоочуну узатып, Карабайдын эки жигити ат бастырып чыгышты. Минген аттарынын басыктары шайдоот, эртеден бери мамыда байланып тургангабы баштарын койкоңдотуп, теминесе эле алып уччудай абалда. Таң атканча тоонун бетеге чөбүнө ныксыра тойгондору билинип, баскан сайын оосурактары угулуп турду. Жылкы баласы тоюнуп калса болду баш көтөрүп, болбогон нерседен үркүп калары адат эмеспи. Садык атка минип бастырганда эле, экөөнүн минген атын сынынан өткөзүп, өзгөчө жээрде кашка атка көңүлү имерилип калды. Нак улактын аты экенин анын омуроосунан жана өткүрлүгүнөн байкады. Сопу айылдан бир топ узап калган кезде гана сөзгө келди, эки жигит уксун дегенсип:

- Карабай курдашыңыздын ниет-пейили жакшы, эл үчүн күйгөн, байлыкка көп үзүлүп түшпөгөн, тасмалы кенен, көңүлү ток адам экен. Бир өкүнгөнү, өзүнөн тукум калбаганы. Бул жалганда кээ бирине байлыкты, мансапты ченебей берет экен да, баланын үнүнө зар кылып коёт белем. Учурунда бул киши учуп-күйгөн, шамдагай чыгаан жигит болгон. Көзгө атар мергенчи болуп, кайберендин каргышына калган үчүн, бала үнүнө зар болуп жүрөт. Анткен менен артында айтыла тургандай иштерди жасап коюптур. Ар бир адам баласы көр дүнүйөнүн артынан үзүлүп түшүп, оокаттын түбүнө жетчүдөй жан үрөп жүрүп, убакыттарын бекерге өткөзүп жиберишет. Кап, учурунда байкабай гана калган. Көзүнөн азыр дагы от күйүп, жаштыктын илеби денесинен кайтпай турат. Кетирген күнөөсүн жууп, сыйынып койсо, аттиң, тилеги кабыл болот беле... Бул сөздү укканда Садык:

- Сопу, бул сөздөрдү жана өзүнүн көзүнө айтпайт белең? Ушул берилген суроону тиги эки жигит дагы берели деп турган белем, "эмне дейт болду экен?" дегенсип тыңшап калышты. Сопу аттын жалын тиктеп, бир саамга үнсүз бастырып:

- Бир келген үйгө, бир көргөн кишиге сын айта берсем, анда менин кадырым түшүп калбайбы. Кийин убакыт болсо келип жолугармын же өзү келип жолугуп, жооптошуп кетээр, - деп кыска гана жооп берип койду. Садыктын эми чындап Сопуга кызыгуусу артып калды. Чын эле тиги курдашы баланын үнүнө зар болуп жүргөнү чын болучу. Бирок анын кайберендин каргышына калганын билген эмес. Тээ илгери экөө бир курдай калмакка барып жылкы тийип келишкен. Ошондо анын баатырлыгына таң берген. Сопу айткандай абдан шамдагай, көзгө урунган чыгаан жигит эле. Ал турсун бир курдай кайсы бир белгилүүү кишинин ашында жаа менен ат чаап бара жатып, бакандын башындагы жамбыны ыргыта атып, мергенчилиги менен көзгө көрүнгөнү бар. Ошондо билген, көзгө атаар мергенчи экенин. Эми минтип жаш бала баарын көзү менен көрүп тургансып туура, анан ачык сын берип койгону таң каларлык иш болуп жатпайбы.

Эки жигит, бир топ жерге чейин узатып келишип, тиги жаш баланын жөн бала эмес экенин билишип, кайра кайтканда Карабайга болгон ишти айтып келишти. Карабай эки жигитинин айткан сөзүн угуп:

- Кап, үйгө өзү келген сый кишини бир кондурбай кетирген турбаймынбы. Ал бала көрсө жөн бала эмес экен да. Мен көп эле кайберен аттым, "кайсы кайберендин каргышына калдым болду экен?" деп, жашоодон кетирген катасын азыр уккан бир ооз сөз менен сезип, ичинен сызып олтуруп, оюнда ал баланы издеп артынан барууну ойлоп койду. Куш жаздыкка чыканактап жатып, өткөндү эстеди. "Качан жана кайсы жерден жаңылдым?" деп. Жашоодон басып өткөн жолуна кайра саресеп салып эстегенге аракет кылды, бирок такыр эстей албай койду. Бир эмес, үч аял алды, бирок алган аялдарынын биринин дагы согончогу канаган жок. Бала үчүн түнөбөгөн мазары, барбаган бакшысы калган жок го чиркин. Ал турсун төрөп түшүп турган күйөөсү каза болгон жаш келинге дагы үйлөндү, бирок тилеги кабыл боло бербеди. Сопунун айткан сынына туура баа берип, сырын ичине катты. Садык курдашына таарынды, жанындагы бала жөнүндө маалымат бербей кетип калганына. Андайда адам баласынын оюна не деген гана ойлор келбейт. Карабайды эми чындап санаа басып, ойго чөмүлдү. Мындайда анын оюн бузган жан болбойт. Кирпигине карап мамиле жасаганга жигиттери жана үйүндөгүлөр көнүп бүткөн. Билинбегени менен каары жаман.

Карабай, эки апта чыдап туруп анан, Сопунун артынан издеп барууну эп көрүп. Чалакалай жаткан калыбында, ой чүмбөтүнө сүңгүп кирип кетти.

***

Эки атчан бир чакырымдай жол жүрүп калган кезде, Садык ортодогу тынчтыкты бузуп, суроо берип калды:

- Сопу, сага калмактардын салт-санаасы жактыбы, деги эле алардын үрп адаты кандай экен? - деп. Ушул суроонун берилишин алгач жолуккандан бери күтүп келген. Акыры күткөн суроо берилгенде башын чайкап жооп берип:

- Калмактар тазалыкты сактай алышпаган, көп жуунбаган кир эле болушат. Андан дагы салт-санаасы такыр башкача. Эс киргенден баштап, тактап айтканда кичине кезимден барып аралашып калдым, бирок алардын үрп-адаттарына али күнчө көңүлүм тойгон жок. Менин эсимде, мен үч жашка чыгып калган кезимде мени сүннөткө олтургузушкан, аларда мындай салт жок. Кээ бир жакшы сапаттары бар, бирок эмнегедир мени уурдап кетишкенгеби, аларга такыр ичим жылыбай, баарына кош көңүл мамиле жасадым. Көп нерсеге көзүм жетип эле турду, бирок айтканым жок.

Садык кыя жолго келгенде, алдыга бастырды. Анткени бул жол жалгыз аяк жол. Эки атчан катар бастырганга болбойт. Ушул кыя жол менен белге чыгып, нары ашканда эле, айтылган айылга келип калышаары анык. Аттардын кадамы алга жылып, жол арбыган сайын Сопунун көңүл алып учуп, кандайдыр бир жагымдуу окуяга кабылчудай толкунданып, айланасын сыдыра карап алды. Аңгыча болбой кырга чыга келишти. Кырдын үстү жарым чакырымча жайык экен. Мал жайылганга ылайык жер жазы анан кышында кар топтолгонгобу чөбү калың эле. Тоо чөбүнүн жыты буркурайт. Кечинде жаап өткөн жаанга жашара түшкөнсүгөн чөптөр, тим эле көктөмдө жаңы ачылгансып, жаздын белгисин берип турду. Аңгыча алды жактан түтүндүн жыты келе түштү. Күн баштышты көздөй дагы биртике бастыра түшкөн экөөнүн көзүнө наркы беттин коңулунда тигилген боз үйлөрдүн карааны көрүнө калды. Кыя жол менен эми ылдыйды көздөй бастырышты.

Аксаамай таң эртеден бери эле ушул кыя жолдон көзүн албай, кимдир бирөөнү күткөнсүп, жол карап жаны жай албай жаткан. Аңгыча эле күн төбөдөн ооп калган кезде өзү күткөндөй эки атчан маңдайкы белден ылдый келе жатканын көзү чалып, эмнегедир денесин майда калтырак басып, өзүнөн-өзү кадамын алдыга таштады. Жүрөгү сездиби, эки атчандын бирөө уулу Сопу экенин аны ачык биле албай, санаасы күч алып, ичинен миң миртебе тиленди "уулум Сопу болуп калса экен" деп. Бирок күмөн дагы санады. Себеби бул жол менен канча киши, канча жолу ат минип бастырып өтүшпөдү. Балким кошуна айылдын кишилери же "жок издеген адамдарбы" деп дагы ойлоду. Алар алга жылып, караандары жакындаган сайын эмнегедир көзүнө артта бастырып келе жаткан атчан ушундай бир тааныштай сезилип, өзү ойлогондой ал атчандын жашы дагы уулунун элесин берди. Кадамы алга жылганы менен көзүн экөөнөн алган жок. Аттиң, эненин тилеги ай. Эмне болгон күндө да, баары алдаса дагы эненин жүрөгү эч качан алдабайт эмеспи. Таң эрте көргөн түшү төп келе тургансып, алеки саатта эмне деген гана ойлор башына келип кеткен жок. Он беш, жыйырма жылдай илгери жоголгон уулунан күдөрүн үзбөй, ушул күнгө чейин ичинен миң кайталап тиленип келген эненин үнү жетчү жерге жеттиби, ким билет? Жүрөгү бир башкача согуп, али уулу менен жолуга электе эле көзүнө ысык жаштын илеби келип, көзү жашка каканактап, кырдан түшүп келе жаткан эки атчанга тигилип көзүн албады.

Сопу дагы сезди, бул алпештеп баккан энеси экенин. Анткени көзүн албай өзүн көздөй келе жатканы эле кандайдыр бир сырдын түйүнүнөн белги берди. Ал турсун дале болсо үмүтүн үзбөй жол карап жүргөнүн жүрөгү менен даана сезип, апасынын тарткан күйүтүн, күткөн эмгегин баалап, ичи эңшерилип кетти. Андайда жол узарып, убакыт токтоп калгандай сезилет эмеспи. Сопунун көз алдынан кантип апасынын элеси кетсин. Алыстан эле апасын тааныды. Аттан секирип түшүп, чуркап жеткиси келди, бирок өзүн карманды. Эмнегедир көзүнө жаш келип, ыйлагысы келди. Ыйлап алса эле болгон ичине катылган муңдун баары ушул ый менен сыртка чыгып кетчүдөй сезилди. Кайраты жанып, жашып кетти. Бирок алдыда келе жаткан Садыкка аны билгизгиси келген жок. Бала үчүн эне кандай кымбат. Бекеринен "энелүү жетим эрке жетим" деп айтылбаса керек. Бала үчүн баары бир жанында эне болмоюн, жашоосу супсак экенине турмуш күбө. Сопу ата-энеси жанында жок бөтөн эл, бөтөн жерде канча жыл жашады. Эми ошол жашоосу көз алдына тартылып, алыстан энесинин караанын көрүп, көзү тойбой карап келе жатты. Көзүн ирмесе эле бул көрүнүш жоголуп кетчүдөй болуп, көзүн ирмегенден жазганып, алдыдан көзүн албады. Аңгыча арылдап иттер үрүп, эки атчандын алдынан тосуп чыгышты. Аксаамай атчандар жакындаганда эмнегедир көргөн түшү көз алдына тартылып, түшүнө кирген уулунун караанын даана таанып, каргылданган үнү менен:

- Сопу? - деп кыйкырганга араң жарады. Бирок үнү өзүнө гана угулгандай туюлду. Он-он беш кадамдай кантип басып келгенин да билбей калды. Арылдап үргөн иттердин үнү Аксаамайдын үнүн басып кеттиби, Сопу апасынын үнүн укпай калды. Анткени анын дагы оюу ордунда эмес болучу. Боз үй тараптан чуркап чыккан бала иттерди кубалаган болду:

- Чык! - деп. Арсылдап үргөн иттер тааныш үндүн буйругун укканга баштагыдай катуу үрбөй калышты. Качан гана аралык беш-алты метрдей жакындаганда, Сопу өзүн кармана албай, аттан секирип түшүп эле, апасын көздөй чуркады:

- Апа, барсыңбы!? - деп. Ушул эле үндү уга албай турган белем, Аксаамайдын жоолугу башынан шыпырылып, мойнуна түшкөнүнө карабай алдыга умтулду. Канча жылдан бери курган эне ушул үндү угуу үчүн жашап келе жаткан белем, Сопунун "апа" деген үнү кулагына бир укмуштай жагымдуу угулду. Мына эненин касиети, балага болгон тилеги, оюнун тазалыгы. Эне бала качан бири-бирине бой таштап, кучакташып калганда, бул көрүнүшкө күбө болгондор таң калып эле калышты.

Садык эне менен баланын минтип көрүшөрүн билген эмес. Оюнда ал-жайды сурап, таанышкандан соң "көрүшөт" деп ойлогон. Тез эле кошуна жашагандар чогулуп, заматта ызы-чуу болуп эле жатып калышты. Аксаамай дале болсо уулун көргөнгө ишене албай, калдастап, уулунун мойнунан колун бошотпой канча турду. Түш көрүп жаткан адамдай, селейип катып да калды. Мына бул канча жылдан берки ичке катылган муң менен зардын саркындысы. Эки саат убакыт кой, козусун көрбөй калса кандай маарап жоктойт. Көрсө малдыбы, жандыбы энеден баланы, баланы энеден айрыбасын. Чай кайнам убакыттан соң гана Аксаамай эсине келип, кошуна баланы жыйынга кеткен Эсетке жиберди, сүйүнчүгө.

***

Адаттагыдай эле айланага жаңы таңдын нуру атып, күндүн дагы бир сапары күндүк жолго чыкты. Канча жылдан бери сапарынан эч жазбай жерге текши нурун чачкан күндүн нуру, бүгүн дагы адаттагыдай эле тоо башынан кылтыйып өйдө жылып келе жатты.

Сопу ушул таңкы сулуу көрүнүшкө күбө болуп, жаратылыштын кооздугуна суктанып турганда короодон койлор маарап, маңдайкы бетти көздөй жайылып чыгып бара жатты. Алдыда мүйүзү узун, сакалы өзгөчө башкача көрүнгөн сур теке баштап баратты, көп аскерди баштаган командирдей.

Калмак жеринен келгенине бир гана түн алмашып, жаңы таңдын атканын өзүнүн жеринде, болгондо дагы атасынын үйүндө кызыгып карап турат.

Кечинде кеч жаткангабы, үйдөгүлөрдүн алды эми гана козголуп кыймылга келүүдө. Эсет малды короодон чыгарып коюп, атын алып келгени булакты көздөй баскан. Аксаамай жанына басып келип:

- Уулум, сага эмне болду? Жата турсаң болбойт беле, азыр али эрте го? - деди, мээримин төгө карап. Сопу апасынын жасаган жылуу мамилесине ичи жылып:

- Апа, кантип жатам. Канча жыл башка элде жүрүп, үйүмө келгени биринчи таңдын атканын өз көзүм менен көрбөсөм, болбойт калат го. Андан дагы уйкум деле келген жок.

Аксаамай уулунун чекесинен сүйүп:

- Мен уй саайын, сен жуунуп, эки жакты карап тур. Баса, тиги конок кишинин аты бар экенби, жакын арада?

Сопу башын ийкеп:

- Тушалуу ат алыс деле кетпейт эмеспи. Ылдый жакты отоп жүрөт. Аксаамай чакасын алып уй сааганы басканда Сопу ичинен ойлоп койду "апам карылыкка кадам таштап калыптыр" деп.

Мурунку күнү учурашып келген кишилер Сопуну ойго салды. Чынында мынчалык киши келет деп күткөн эмес. Ар биринин оюу таза, тим эле жан алдары калбай учурашып, акыбалын сургандары эле эмнени билгизет. Аңгыча жанына кошуна жашаган карылыкка кадам таштап, бели ийилип, таяктын жардамы менен басып калган Амангелди карыя келип, нары карап турган Сопуга кайрылып калды. Кары кишиде кайдагы уйку. Таңдын атышын эле күтүп жатат. Качан таң атканда, жаткан ордунан туруп, ылдыйкы булакка чейин басып барып келген адаты. Бул жолу дагы булакка барып келе жатып, Сопуну көрүп бери кайрылып калган:

- Сопу балам, таң эрте турган экенсиң? -деди. Бул үндү укканда Сопу чочуп кетти да, дароо салам айтты:

- Ата, саламалейкум, - деп эки колун сунду. Карыя берген саламды алик алган соң, жашыл тулаңга бөлөнгөн тоо бетине көз жүгүртүп:

- Сопу, сенин келгениң абдан жакшы болду. Бүгүн эми кечээкиден көп кишилер келиши күтүлүүдө. Анткени сен уурдалган кезде, сени канча киши издеди. Ал турсун калмактарды бул жактан өткөрбөй, кайра артка кайрыган күндөр дагы болгон. Калмактардын ойго келбеген бала уурдаган жоругу ошондо токтоду.

Сопу кабагын түйүп, сөз угуп туруп:

- Ата, азыр дагы ал жакта өз тилин унутуп, калмактарда жүргөн балдар бар. Баланын тили башка тилди үйрөнгөнгө тез көнөт тура. Мени капа кылган нерсе уурдалган балдардын тилинин бурулуп калганы.

Амангелди башын ийкеп:

- Сопу балам, сен абдан жакшы сөз айттың. Айтылган кеп бар "көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет" деген. Сени кечээтен бери байкасам, көп элди көрүп келгениңден дагы, кат тааныганың мени абдан ойго салып койду. Эми сен керекке жарап, идиреги бар балдарды окутуп, кат тааныганды үйрөт. Сени алып келген конок киши дагы кулакты сүйүнтүп, сенин дарегиңе жакшы сөз айтты. Сен кат тааныгандан жогору, сынчылык сапатың дагы бар турбайбы. Бул сынчылык өнөр, жөн балага келбейт. Мен бала кезде укттум эле, Уаалы деген сынчынын, киши сынаганын. Ал киши дагы биздин Азык уруусунан болгон экен. Тээ илгери казактын Турсун сынчысы айтыптыр, Тагай атабызга " Азык уулуңдун тукумунан олуязаада кишилер чыгат" деп. Анын айткан сыны туура чыгып Уаалы сынчы, Санчы сынчы деген сынчылар чыккан, биздин уруудан. Эми сен дагы ошолордой сынчы болсоң анда бизге бергени эмеспи. Уул баланын жакшы чыкканы элдин багы. Сопу карыяны тигиле карап:

- Ата, менин кулагым чалган калмактардан, Уаалы сынчы туралуу. Ал кишинин ысмы ал жакта катуу даңаза менен айтылат.

Карыя бери жактагы чоң ташка олтура калды, буту талып кеткенин билгизип. Сопу жакындап бери жылды да:

- Ата, калган сөздү анан сүйлөшпөйлүбү, жай олтуруп. Карыя ташка ыктап олтуруп, жайланышып алганын билгизип:

- Анан деле айтылчу сөз бар. Бирок ар бир сөздүн айтыла турган кези болот. Азыр менин, сени менен сүйлөшкөнгө көңүлүм келип турат. Бул карылыгың дагы курусун. Түнү көп уйкум келбейт дагы, күндүз уктайм. Азыр таңкы наарды таткандан кийин эле жаным жер тарта баштайт. Андан көрө эч ким тура электе сүйлөшүп алалы. Таң эрте маанайды көтөрүп жакшы сөз сүйлөшкөн, жакшы сөз уккан дагы өзүнчө бир керемет. Бекер айтылбайт "күндүн башталышын жакшы маанай менен тозуп ал" деп. Бир келген бул жашоодо түшүнгөн кишиге жакшы сөз угуу, жакшы иш кылуу, жакшы кабар айтуу эмне деген бакыт. Баса, сөз такыр башка нукка түшүп кетти өңдөнөт. Мен сага Уаалы сынчы тууралуу айтайын дебедим беле.

Айткандай Уаалы сынчы өзү карапайым болгону менен, ички дүйнөсү толо байлык болгон экен. Анын айткан акылы, берген кеңеши, сүйлөгөн сөзү жерде калбаптыр. Андай кишилердин бир кемчилиги болот тура. Менин угушума караганда тукум калган эмес окшойт. Болбосо баласы эл оозуна алынат эле го. Сопу, карыянын айткан кебине азга ичинен тырчый түштү. Анткени өзүнөн дагы тукум калбасын кантип билбейт. Амангелди карыя кызыл көзүн бар-бар ирмеп алып, сөзүн улады:

- Тээ илгери Сарбагыш уруусунан Сарсейит деген чыгааны эл көзүнө көрүнүп, ыргыткан ташы өйдө кулап, арааны жүрүп турган кезде Уаалы сынчы атайын үйүнө басып келип айтыптыр:

- Сарсейит, колдо бар алтындын баркы жок дегендей, менин сага баркым жок болду. Эгер алыс жашасам атайын ат чаптырып, алдырып келип, балдарыңды сынатат элең. Убакыт деген неме токтоп турбайт, балдарыңдын убагы өтүп бара жатат. Сынатсаң боло дегенде, Сарсейит туура айтылган сөзгө сынып:

- Ал менин эсимде жок. Сынайм десең азыр дагы сына. Мен ага каршы эмесмин, - деп, сөзгө келбей эки уулун чакырган экен. Сынчы ичинен өкүнүп:

- Кап, башка күнү сынатсаң болмок, шашып бекер кылдың дегенче болбой Үчүке менен Түлкү деген эки уулу боз үйдүн оң капшытынан жүгүрүп кирип келгенде, сынчы олтурган ордунан үч жолу опдулуп туруп, кайра олтурган экен. Экөөнү тигиле караган тейде бир топко турган сынчы, сыр бербей жер карап туруп калганда, Сарсейит эки уулуна бир нерсе айткан болуп "кете бергиле" деп колу менен белги берип, качан экөө сыртка чыгып кеткенде, жер карап олтурган сынчыга:

- Уаалы, сага эмне болду деги? Сен алдагы кейпиң менен сынчы боло албайсың го. Эки уулум сырттан кирип келсе падыша кирип келгенсип, катуу сүрдөдүң го?

Сынчы бир саамга үнсүз олтуруп, берилген суроону укпаган адамдай жоопсуз калтырып, анан:

- Сарсейит, сен бекер кылдың, шашып. Башка күнү деле сынатсаң болмок. Мен балдарыңды сынымдан өткөрдүм, сыртка чыгалычы, өзүңө гана айтам, башка жан адам укпасын дейт. Карыя сөзүнүн ушул жерине келгенде, үйдөн Садык чыгып бери басып келип, учурашып калды.

- Саламу алейкум. Таң эрте узун сөзгө кирген экенсиңер. Карыя берилген саламды алик алып:

- Кандай эс алдың, конок. Тээ илгертен келе жаткан салт, келген коноктун абалын таң эрте сураган үй ээсинин же кошунанын милдети. Жакшы жатып жай турдуңбу?

Садык башын ийкеп, карыянын сөзүнө маани берип:

- Сиздей кары кишиге кантип учурашып, салам бербей калалы. Биз да убагы келсе карылык айылына баш багабыз. Аны коюп айтып жаткан сөзүңүздү улай бериңиз. Мен ылдый басып барып келейин. Кызыл жүздүү, чымыр денелүү Садык конок каадасы кылып, ылдый басканда карыя узата карап, үнсүз туруп:

- Карачы, бул дагы бир бугу уруусунун жакшысы экени билинип эле турат. Байлык не дедирбейт, жок не жедирбейт. Атаңдын көрү колдон келсе бардар жашоодо жашап өткөнгө эмне жетсин. Бул конок дагы жакшы жердин тукуму экени орундуу сүйлөгөн сөзүнөн, кийген кийминен, минген атынан эле билинип турбайбы. Ар бир адамдын сыймыгы болот. Ал сыймыкты кармана билүү кишинин өзүнөн. Көбүнчө эркектер тамагынан анан тилинен аксайт. Кечээтен бери байкоо салсам, бул коноктун кыймыл аракети мени абдан ойго салды. Сенин жөн бала эмес экениңди билип, улуу башын кичүү кылып жандап келгенинен эле бир сырды байкагам.

Сопу сөздү бөлүп:

- Ата, сиз баамдагандай мен бул кишинин сөзүнөн кармап койгом. Ириде өзүңүз айттыңыз го "адам баласы тилинен аксайт" деп. Бул киши дагы оозунан чыккан сөздүн кулу болуп, мени узатып келди. Тиги Көтмалдыгы чейин эле жеткирип келмек, орто жолдон мен дагы бул кишиге сын айта коюп, минтип үйгө чейин келгенге туура келип калды. Аны коюп жанагы сөзүңүздүн аягына чыкпайсызбы?

Карыя дагы Сопуну таң кала карап:

- Сен чын эле сынчылык өнөргө ээ болдуң беле? Тиги конокко эмне деген сын айттың? Сопу бекер оозунан жаңылганын бирип:

- Ата, мен анан сизге басып барам, калган сөздү кийин сүйлөшөлү. Азыр таңкы наарга карайлы. Бизди күтүп калышты өңдөнөт.

Чын эле бул кезде күн тоо башынан аркан бою көтөрүлүп калган болучу. Чыйбаркуттан тигилген кемселинин артын күүгөн болуп, Амангели кары сол колун жогору көтөрүп, көзүн ушалады. Чылпактаган көзүнө чаң кирип кеттиби, бир топко убараланды. Сопу, карыянын таасын айткан кебине кызыгуусу артып калды. Эми алиги айтылып жаткан сөздүн аягын укпаса, баалуу буюмун жоготкон адамдай, бир жерге олтура албайт. Бул, сөз бага билген ар бир адамдын адаты. Карыя кадамын акырын таштап, болгон ишенгени таягына сүйөнүп басып, үйүн көздөй баратканда, Эсет жанына келип, чыканагынан кармап:

- Кайда бара жатасыз? Биз сизди күтүп, тамак ичпей олтурса. Амангелди кары жактыра бербей:

- Менсиз эле иче бергиле. Мени коюп келген коногуңду сыйлап ал. Мен күндө эле тамак ичип жатпайынбы. Кемпиримдин деле самоору кайнап калган чыгар.

- Ал киши биздин үйдө. Чогуу тамак ичели деп чакырып келдик. Карыя жыртак көзүн ирмегилеп:

- Анда барайын - деди.

Бул күнү куйрук жалы төгүлгөн, алты асый кула бээге бата тиленип, Сопунун аман-эсен келгенине арналып жылкы союлду. Шымаланган жигиттер мал союп жатса, жоолуктарын жүзүн жаба салынган келиндер ичеги-карын артып, ынтымакта иш кылып жатышты. Убакыт жалган шашкеге жетпей учурашып келген кишинин көптүгүнөн келген элдер сыртка олтуруп калышты. Бир кезде жупуну кийим кийген, жашы алтымыштарга барып калган, суюк сакалы ээгине жараша бербеген карыя келип учурашкан соң дароо эле суроо салды:

- Балам, сенин кабарыңды угуп эле мында жөнөдүм. Сен уурдалган кезде мен дагы баламды уурдаттым эле. Анын караанын бир көргөнгө зар болуп, жол карап жүрүп өмүрүм өтмөй болду. Баламды көрө алдыңбы? - деди, бир жакшы сөз айт дегенчилик кылып үмүт менен карап. Аттиң, ата менен энени ушундай убайымга салган калмактарга кантип наалат айтпайсың. Сопу кабагын түйүп, болор - болбос көзүнө келе калган жашты колу менен акырын сүртүп:

- Уулуңуздун ысмы ким эле? - деген болду. Бул эми илгери үмүт менен келген кишинин шагы сынбасын деген гана ойдо айтылган сөз болучу. Тиги киши оозунан бирөө сөзүн жулуп алчудай шашып:

- Бактыбай, ырым кылып жүрүп, үч кыздан кийин көргөн балам эле, ал бизди деле унутуп калса керек.

Бул сөздү укканда Сопунун денесин майда калтырак басып, көз алдына өтө жупуну кийим кийген, мал кайтарып жүргөн кара тору бала элестеп кетти. Берилген суроону бир топко жоопсуз калтырып, бир кезде катуу уктап кетип чочуп ойгонгон адамдай селт этип алып, ошондо дагы сыр бербей:

- Ата, мен сизге эмне деп жооп беришти да билбей турам. Уулуңуз уурдалгандан бери канча жыл өттү. Аны тапкан күнү деле тили бурулуп калды да. Бир балага жолуксам кыргыз бала экен. Аты калмакча которулуп калыптыр. Арманы өзүнүн атасы менен энесинин анан өзүнүн кыргызча ысмы ким экенин билбегени болду. Мени ойго салган ошол маселе болуп жатат. Эгер мен сиздин уулуңузду билген күндө дагы, сиз уулуңузду тапканда деле ал баланы алып келүү азап го. Калмактар бекер күчтү кантип жөн эле бере салсын.

Карыя энтигип:

- Эгер мен баламдын дайынын билсем тили бурулуп калса мейли, эптеп алып келгендин жолун табат элем. Эң негизгиси, балам аман болсо болгону. Эки жолу барып издеп таппай келдим.

Сопу кыйылып жатып, бир кезде минтип айтты:

- Анда мындай кылыңыз. Мен сиздин уулуңузду билем, кимдин колунда малай экенин. Мындан аз убакыт илгери бир балага жолугуп калсам, ысмым Бактыбай, атамдын ысмын билбейм, унутуп калдым деди. Калмакча ысмы Кошут. Сөздү аягына чыгарбай эле карыя көзүнө келген жашты арчыганга жарабай Сопуну бек кучактап:

- Сенин оозуң жакшы экен. Ушунча жыл сураштырып таба албай келдим эле. Ошол Бактыбай менин уулум. Оң жак жаагында тилинген тырыгын байкай алдыңбы? - деди эле, Сопу башын ийкеп:

- Ооба, бетинде тырыгы бар болучу. Эрмет деген калмактын малын багат. Бедел ашуусунан түшкөндөн кийин күн чыгышты көздөй азга жол жүрүп, солго бурулганда чоң кокту бар. Ошол коктунун баш жагы Эрметтин жайыты. Уулунун дайынын уккан Бекмурза:

- Уулум, сүйүнчүңө бир кой алып кет. Мен эртең эле жолго чыгам. Көргөн түшүм жакшы эле, буйруса иш оңунда болгону калды. Калмак жерине барып жүргөн жаным барып, баламдын жүзүн көрүп, мында алып келем - деп, эч сөзгө келбей кобурана берди эле, бери жакта олтурган салабаттуу кары сөзүн бөлүп:

- Бекмурза, сен эмне жаш бала болуп кеткенден соосуңбу? Алгач сен жакшылап сурап, дайынын билип алып анан оолуксаң боло. Ушу сенин шашмалыгың. Деги бул адатың качан калат болду экен? Бекмурза улуу кишиден азга тайсалдап:

- Сиздин айткан сөз туура. Сопу балам, гана айтчы, сен уулума качан жана кантип жолугуп калдың? - деп, эми гана жай сөзгө келди. Сопу карыянын жаш баладай сүйүнүп, калдастаганына кабагы бүркөлө түшүп, карыя күтпөгөн сөздү айтты. Анткени уулун өз көзү менен көрсө кандай абалда калат, анын дайынын укканда эле ушунча калдастап жатат, ушуну ойлоп:

- Бекмурза ата, сиз азырынча ашыкпаңыз. Ар бир ишти жасардан мурда ойлонгонубуз оң. Мен сиздин ал жакка жалгыз барганыңызга каршымын. Калмактар сизди кармап алып, малай кылып алса эмне кыла аласыз? Андан көрө алдуу-күчтүү жигиттерди жиберген иштин ийгисин берет. Бул сөздү олтургандар текши туура деп колдоп жиберишти. Сөз ушуну менен токтоп калды, анткени Жумгалдан келген коноктордун жоон тобу көпчүлүктү дүрбөтүп келип калышты. Сопунун кайтып келгени алыс, жакын жердеги элдерге ар тараптуу сөздөр менен жетип, чын-бышыгын билүү үчүн келгендер мындан көп, учурашып келгендер андан көп болуп, кеминде бир ай убакыт жалаң конок тозуу менен өттү. Эсет менен Аксаамай кабагым кашым дебей, келген элди коноктоо менен алек болушту. Ушул арада Карабай дагы көптүн бири болуп атайын учурашкан болуп келип, Сопунун өзүн ээндетип чакырып алып, сөзгө тартты. Алгач эмне айтаарын билбей апкаарып да алды. Анткени Сопу баягы биринчи көргөндөн алда канча салабаттуу анан сүрдүү көрүнгөндөй болду.

- Иним, сен өткөндө келип кеттиң эле. Көзүмчө сын айтпай, артымдан айткан сының мага жетти. Эми ошол сөздүн аягын угайын деген изги ойдо атайын ат бастырып чыктым. Эми менден тартынбай ачык айтчы, сынаган сыныңды!

Бул айтыла турган сөздү эбак эле билген үчүн Сопу анча маани бербегендей түр менен карап:

- Сиздин ошондогу сыйыңызга ыракмат. Биринчиден мен сиздин коногуңуз элем, экинчиден улуу кишиге биринчи көргөндө эле сын айткан туура эмес иш болучу. Баса мен сизди сынаганды айтпай деле койсом болмок, эки жигитиңиз "айтып барсын" деп атайын айттым. Мына эми сиз келдиңиз. Келгениңиз абдан жакшы болду. Сиз дагы бир атанын баласы болгондон кийин, бала жытын жытташыңыз керек. Ал үчүн кетирген катаңызды айтып койгон менин мойнумдагы парзым.

Карабай башын ийкеп, сөздү бөлүп:

- Туура, мен сени жаш бала деп ошондо көп көңүл бурбай калганым чекилик иш болду. Болбосо мал союп коноктой турган жан экениңди кеч билип калдым. Андан дагы сен, менин мергенчи болгонумду кантип билдиң? Мени кызыктырган суроо ошол болду.

Сопу бул жолу тиги кишини бир топко тигиле карап:

- Сиздин мергенчи болгонуңузду жакшылап баам салып караган киши дароо эле билет. Мен астанаңызды аттап киргенде эле төрдө илинип турган мылтыкка көзүм түштү. Экинчиден эшигиңиздин алдында капкан жатыптыр. Анан дагы сиз сол көзүңүздү кыса берген адатыңыз бар экенин байкадым. Мергенчилерде гана ушундай адаттар болот. Сиз менен саламдашып кол алышканда оң колуңуздун сөөмөйү колума урунду, жешилгендей болуп. Азыр дагы мергенчилик өнөрүңүз кала элек. Кээде эриккенде мылтык атасыз же мергенчиликке чыгасыз. Бул сөздөрдү укканда Карабайдын оозу ачылып калды. Абдан таң калып, Сопунун жаш болсо дагы баамчыл экенине абдан кызыгуусу артып, көңүлүндө ыраазы болуп турду. Эми сөздү кайра Карабай алды:

- Ал эми каргышка калганымды кантип билдиң? - деп, дагы сөздү бөлүп суроо берип калды эле, Сопу эми сөз кезеги келди дегенсип кадамын алдыга таштап, нары басты. Бул анын алыс басалы деген белгиси болучу. Карабай чымыр денелүү, бир караган кишиге сүрдүү көрүнгөн, кишини тик качырып карган, көзүнүн ичинде калы бар, бирок көзү жүлжүгүрөөк келген, толмоч киши. Анткен менен калыстыктын анан чындыктын көмүскөдө калышын жактырбайт. Бетке айтып, ачык сүйлөгөн адатынын айынан кээ кишилерге жакпайт. Сопу он кадамдай баскан соң гана сөзгө келди:

- Карабай байке, сиздин каргышка калганыңызды билгениме себеп булар болду. Биринчиден үйүңүздөн баланын изин көрө албадым. Экинчиден бери жактагы чоң бакта илинип турган кайберендин башы болду. Ал кайберенди сиз качан атып алдыңыз эле?

- Аны атканыма көп жыл болду. Баамымыда жыйырма жылдан ашты го?

- Ошол кайберенди сиз аткан кезде улагы болгон. Ал кайберендин атылганына канча жыл болсо да муңайым тартып турат. Сиз бекер кылгансыз, толгондон ошол кайберендин башын катырып үйүңүзгө жакын жерге илип алып. Жок дегенде башын жерге көөм салсаңыз, анда башка иш болот беле… Эми сиз мындай кылыңыз.

Ошол үйүңүзгө жакын илинген кайберендин башын кайсы жерден атсаңыз, ошол жерге барып жерге көөм салыңыз да, анан өзүңүздүн кетирген күнөөңүздү моюнга алып улуу теңирден кечирим сураңыз. Анан мазарга барып түнөп, улуу Алладан тилек тилесеңиз балалуу болуп калаарсыз.

Бул сөздү укканда Карабай өткөн окуяны эстеди. Ал мындайча болгон эле.

Чын эле Сопу айткандай кайберенди кызыл чаптын бетинен атканда, кайберен ошончо бийик жерден кулап жерге түшкөн. Жакын келип карашканда желининен сүт агып турганын көрүп кабагы бүркөлүп, аалам тарыгандай сезилген. Бирок улагы бар экенине көңүл деле бурган эмес. Анткен менен абдан чоң кийик экенин мүйүзүнөн билген.

Сопу сөз айтып Карабайдын оюн бөлүп, суроо берип калды:

- Сиз эми мен айткан ишти так аткарыңыз. Бул жашоодо бир эле кайберенди эмес, жөрмөлөп жүргөн кумурсканын дагы өмүрүн кыйганга болбойт. Колуңуздан келсе мылтык кармабай деле койсоңуз жакшы болот эле. Карабай башын ийкеп:

- Мен сенин айткандарыңа толук ынандым. Эми мылтык кармабай калайын. Сен айткан сөздөрүң менен мени ойго салып койдуң.

Сопу кабагын чытып "бул го кайберендин каргышына калып бала жытына зар болуп жүрсө, менчи, менин эми кантип кийинки жашоом маңыздуу болмок эле" деп ойлоп, жер караган тейде оюн ичине катып, калмактардын жоругуна ачуусу келе түшкөнүн билгизбей, суз гана үн катты:

- Басалы, бизди күтүп калышкан чыгар, аманчылык болсо дагы жолугуп кеңешээрбиз. Карабай ушул жерден Сопунун ар бир кыймылына, салмактуу айткан кеңешине ичинен ыраазы болуп, каршы сөз айтпай алдыга кадам таштады.

Убакыт дигер намазынын убагынан өтүп калган кезде, бир жаш келин бешиктеги баласын кучактаган тейде көпчүлүктү көзгө илбей Сопуга келип ыйламсырап кайрылды:

- Макул көрсөңүз балама дем салып бересизби?! Эмне болуп кетти билбейм, караңызчы, денеси кара көк болуп чыкты. Сопу алты айлык баланы колуна ала коюп, коюнунан түшүрбөй алып жүргөн кичине китепчесин алып чыгып окуп, анан ичинен бир нерселерди кобуранып, билген аракетин жасады. Жаны кыйналып, жашоо менен күрөшүп, аман калуу үчүн жан талашып жаткан бала убакыт алга жылган сайын дем алганы калыбына келип, баштагыдай кыйналбай созулуп уктап кетти. Эх, чиркин ай, баласы үчүн баарына кайыл болгон жаш келиндин үмүтүн жандырып, баласын көз көрүнө ажалдын колунан суурап алгандай эле болду. Сопунун жасаган мамилесине жана аракетине жаш келин эле эмес, ошол жердегилер абдан таң калышты. Эсет ушуга чейин уулунун "сынчы, алдыны көрө билген олуя" деп эле билсе, эми минтип көмүскөдө жаткан касиети улам жарыкка чыга баштаганына ичинен ыраазы болуп, жүзүнөн нур чайып кубанып турду. Ооба, алгач алиги келинди абдан жаман көргөн болучу "ооруган баласына Сопу кантип жардам бере алмак эле?" деп. Курандын кайсы бир аятын улам кайталап, балага дем салган сайын бала калыбына келип, мемиреп уйкунун кучагына сүңгүп бара жатты. Бир кезде Сопу баланы энесине берип:

- Кечинде дагы бир жолу келип дем салдырып кет. Балаңа көз тийген турбайбы. "Кичине баланы көпчүлүккө көп алып барбай жүр" деп кеңешин айтып, колундагы кичине китебин коюнуна катып алды.

Бул окуядан кийин болгон айыл эмес, коңшу айылдан дагы баласы ооруган келин-кезектер келе башташты. Ооба, Сопунун ар бир жасаган иши, көркөм сөзгө салынып, ашыгы менен башка айылдагы элге жетип турганын кантип билип, кантип сезбейт Сопу. Элдин оозун ким тыят. Ушак сөз кыска болсо узарып, түз болсо ийрейип кетээрин ким билбейт.

Айтмакчы, Сопу Арабияга эки жолу каттады. Андан дагы касиеттүү дубаларды билип, дитин коюп үйрөнүп алган.

Бир курдай кошуна жашаган калмак келиндин тестиер уулуна катуу суук тийип, денеси ысып ооруп, кыйналып жатканда Сопу дем салып жатып баланы оорунун кучагынан бошотуп, алкоого татыган. Ал турсун колунан китеп түшүрбөй окуп, кээ бир дубаларды жаттап алганга да жетишкен.

Кат сабаты жоюлмак турсун, китеп эмне экенин билбеген айылдык карапайым эл үчүн Сопунун кат тааныганы тим эле ойго келбеген иш болуп, атайын алыстан келип китебин көрүп кеткен кишилер дагы болбой койгон жок. Сопу кээде тамыр кармап дагы ооруну билип койгон жайы боло турган. Муну бир кытай чалдан үйрөнгөн. Кытай чал чөптүн тилин билген, кайсы чөп эмне ооруга дары экенин жөн гана карап туруп айтып коючу. Канча жыл калмак жеринде жүргөнү менен көп өнөргө ээ болуп келгени барган сайын билинип, уу-дуу кеп болуп жатты.

Убакыт алга жылган сайын Сопунун кадыры өсүп, али жаш болсо да эл бийлеген бийлер, болуштар кеңеш сурап да келе башташты.

Уулунун минтип элге алынганына Эсет менен Аксаамай ичтеринен ыраазы болушканы менен анын үйлөнбөй бой жүргөнү ойго салды.

Бир курдай түшкү тамак учурунда үчөө ээн олтуруп тамактанып калышты эле, Эсет сөздү алыстан баштап келип:

- Сопу уулум, минтип сенин элге алынганың бизди сүйүнттү. Эми бир келинчек алып, үй бүлөө күтсөң кандай болот? Деле ооз батынып айта албай жүрөбүз, энең экөөбүз.

Ушул айтылган сөз Сопунун ички жарасын козгоду. Бир жерди теше тиктеп, көпкө турду да анан:

- Апа, ата, менин сиздерден өтүнүчүм, башка эмне сөз айтсаңар баарын аткарам, бирок мындан кийин мени "үйлөн" деп айтпагылачы. Сиздерден көптөн - көп өтүнөрүм ушул.

Уулунан мындай сөздү күтпөгөн ата менен эне оозунан алдырган куштай болуп телмиреп эле туруп калышты. Таасын жана жеткиликтүү айтылган сөзгө каршы сөз айта алышпай олтуруп жер карашты. Ооба, кошуна айылдан Калман деген кишинин кызына "куда түшөлү" деген изги ойлору бир ооз сөз менен жуулуп, ал максаттары кайда кеткенин билбей нес болуп үн дебей турушканда, Сопу өзү сөздү кайра алды:

- Ата мен силерге кийин түшүндүрүп айтып берем. Мени калмактар бир максат менен уурдашыптыр. Алар тилектерин аткарышты. Эгер мен аларга керек болбосом мени уурдамак эмес чыгар. Болбосо башка балдар сыяктуу мал кайтарып алардын малайы болуп жүрөт белем, ким билет.

Табышмактантып айтылган сөздүн артында бир сыр катылып турганын ата менен эне дароо сезишти да, башка сөз айтпай тунжурап турушканда, Сопу тасмалга бата тилеп сыртка чыгып кетти.

***

Сопунун айтуусу менен эки жигит калмак жергесине аттанып кетишти. Бекмурза "өзүм барам" деп оолукту эле, сакалдуу кишилер ортого түшүп, аны тыйып коюшту.

Жай мезгилинин орто чени болгон үчүн, алдуу- күчтүү ат минген эки карылуу жигит таң эрте жолго чыгышып, кыска жол менен жүрүп олтурушуп, жолго бир түнөп эртеси күнү кеч күүгүмдө Садык жайлаган жайлоого жете келишти. Бул жерден эт бышым убакыт жүрүшсө эле Бедел ашуусунун башына чыгууга болот.

Садык келген эки жигитти жакшы маанай менен кабыл алып, жөн жайын сураштырды эле, сөз алгач Сопу тууралуу болуп, анан кичине кезинде жоголгон Бактыбайга барып такалды. Аны Эрмет деген калмактын малын кайтарган малайы экенинен бери сөз болду. Садык бир саамга көзүн жүлжүйтүп ойлонуп туруп:

- Силер кеп кылган Сопу алгач менин үйүмө келип конгон. Ал турсун аны, мен үйүнө чейин жеткизип баргам. Ошондо Сопу айткан эле, Бактыбай жөнүндө. Ошол Бактыбайдын атасы табылдыбы?

Бул суроого Чекир жооп берди:

- Ооба, баланын атасы биздин жакын тууган, байкелер болот. Биз менен өзү кошо чыгам дегенде, аксакалдар болбой коюшту.

- Абдан туура кылышкан. Ал киши силер менен келсе, тоскоолун эле тийгизмек. Андан дагы кары киши алыс жолго ат менен чыкса кыйналып калмак - деп, олтурган ордунан копшулуп алып:

- Баса, силер кеп кылган калмакты мен жакшы тааныйм. Жеткен сараң, андан калса митаам неме. Баланы оңой менен колго түшүрө албай кыйналасыңар го. Эгер менин тилимди алсаңар, мындай кылгыла. Бул сөздү угушканда эки жигит тигиле карап калышты "кандай акыл айтасыз?" дегенсип:

- Силер менин сөзүмдү туура көрсөңөр, баланы талаадан аңдыгыла. Аны менен эч кимге билинбей жолугуп сүйлөшсөңөр анда жакшы болот эле. Болбосо Эрмет бир нерсенин шегин билип калса анда бала колуңарга тиймек турсун, өзүңөр туткун болуп каласыңар.

Садыктын бул айткан сөзү дагы эптүү болуп, эки жигиттин алты айласы кетип, кантип баланы колго тийгизүү керек экени терең ойго салды. Ойдон күлүк эмне бар. Андан дагы Садык абдан жүйөөлүү сөз айтып, эки жигиттин көңлүн алагды кылып койду. Анткени экөө "тез эле барып баланы таап, атка учаштырып келе беребиз" деген кыска ойду ойлоп чыгышкан. Садыктын айткан сөздөрүнөн, анын баамчыл анан акылга дыйкан адам экенин билишти. Чекир бир кезде сөз учугун чыгарды:

- Садык байке, бизге дагы кандай акыл айта аласыз? - деп. Садык куш жаздыкка чыканагын коюп, жамбаштап жаткан калыбында:

- Силер алгач Эрметтин үйүнө жылкы издеп баргандай болуп, анын алын, жайын билгиле. Болбосо, аны алыстан аңдыгыла, балким алыска ат бастырып чыгып калар. Менин жеке оюмда башка айла- амал таба албайсыңар. Бул түнү экөө аттарын суутуп, жуп жатаарда гана отко коюшту.

Садыктын жаш аялы элпек кыймылы менен тез эле экөөнө төшөк салып берип, өз иши менен алек болуп, кеч жатты. Чекир келгенден бери андан көзүн алган жок. Анткени жаш келиндин көзгө илинген чырайы, көңүлүн такыр эле ээлеп алды. Жөн эле аял затын биринчи жолу көрүп жаткансып, тигиле караганын Садык да байкап калды. Ушул жерден Сопуну айткан сөзүн да эстей калды. "Сулуу аял алган кишинин шору, ар кимден кызганганы" - деп. Чын эле чырайлуу аял затына кызыкпаган эркек да эркекпи. Аял заты алтынга кызыгат, ал эми сулуу аялга кызыкпаган эркектин дөңгөчтөн айрымасы канча. Канчалаган эркектер аял затынын сулуугуна арбалып, арзуу азабын тартышпады дагы, түн уйкудан калышпады. Бул эми жашоонун жазылбаган жана бузулбаган мыйзамы экенин эч ким четке кага албайт.

Түндүн көркү ай. Айдын жарыгы жарым жартылай ачылган түндүктөн болор - болбос үй ичине жарык берип турду. Бир айда отуз күн болсо анын он беши күн, он беши түн. Түндүн дагы өзүнө таандык сулуулугу, көркөмү бар. Түндү ар бир жаныбарды эс алсын деген максат менен жаратканын кантип танууга болот. Керек болсо түндү жылкы баласы дагы турган тейде көз ирмеп уктап өткөзөт. Бирок ушул биз кеп кылган түнү ким уктабайт, албетте жүрөккө тынчтык бербеген арзуу сезимине туш болгон жан уктабайт. Черик канчалык уктап калууну ойлосо да, көз алдынан атасындай болгон кишинин наркы капталында жаткан жаш келиндин ай жамалы кетпей, тынчын алды. Аны биринчи көргөндө эле жактырып калды. Баскан турганы, кыймыл аракети, музоонуну кирпигиндей узун кирпиктери, моймолжуган кара көзү деги койчу, көз толо караган чырайына ашык болуп, бир топко ооналактап жатып, бир кезде көзү илинип кетти. Гүлүм жөнүндө ойлонуп койгонгобу, түнү түшүнө кирип чыкты. Бул эми жаш кезде келген арзуу сезиминин бир канакей үзүмү экенин жашырып болбойт. Анткени ашыктык ар бир адамдын башына келип кетүүчү нерсе.

Таң эрте эки жигит жолго чыгышты. Экөө сүйлөшүлгөн сөз боюнча, эч кимди ойготпой аттарын токуп минип, таң сөгүлүп келе жатканда токулган аттарына шак минип, тоо беттеп жалгыз аяк жол менен сапарларын улашты. Бир кезде Черик сөз козгоду:

- Тиги кишинин колуктусу абдан чырайлуу экен ээ? - деди эле, Сапарбек:

- Аттиң, бай болсоң кандай жакшы. Аттын күлүгүн минесиң дагы, аялдын сулуусун аласың. Байлык бар жерде бакыт бар. Дегеним байлыгың болсо байлар менен баарлашып, тамактын майлуусун, даамдуусун жеп, кийимдин жаңысын кийип, сөзүң чоң чыгат. Байкадыңбы, кечинде жеген кабырганын майын.

Чекир атына сылай камчы салып:

- Сапарбек, ал эч нерсе эмес, жаткан төшөгүнүн калыңдыгын карачы. Кедейлер минтип күнү-түнү жолдо же малдын четинде жүрөбүз, байлар жылуу үйдө, калың төшөктө жамбаштап жатып сырттуу кабырганы мүлжүп үйдө жатат. Бир келген жашоодо аттиң, бардар жашоодо жашаганга не жетсин.

Сөз бир топко үзүлүп калды. Эки атчан күн найза бою тоо башынан көтөрүлүп калган кезде ашуунун үстүнө чыгып барганга үлгүрүштү. Мына бекер айтылган эмес да "минген аттын кадыры алыс жолдо билинет" деп. Эки аттын күчү ушул жолу билинди. Эми дагы бир чакырымдай тик өйдө чыгышса эле болду, ашуунун туу чокусуна чыккан болушат.

Кыбыраган кыр ашат болуп, туу чокуга чыгышканда экөө аттардын белин эс алдыруу үчүн аттан түшүп, басмайылды бошотушту.

Бул жерде кеминде чай кайнам убакыт эс алган болушуп, тамактанып алышты. Качан гана жуп аттанаарда Чекир сызылган чийинди көрө койду. Бирок бул чийин эмне чийин экенине акылдары жете берген жок. Ал чийин Сопу чийген чийин экенин билишсе, анда дагы бир топко кармалышат беле ким билет.

Ылдыйды көздөй аттар көп кыйналбай басып, тез эле көздөгөн жерге жете келишти. Сопу айткандай күн чыгышты карай бир топ бастырышкан соң, оңго бурулушту. Ушул коктунун башына барышса эле, Эрметтин жайытына жеткен болушат. Бирок ушунча жол жүрүп бир дагы калмакты жолуктуруша элек. Чекир аз болсо дагы калмактын тилин билет. Ошол себептен аны тандап алышкан. Төрөлгөндө коюлган ысмы Кабыл. Көзү көк болгон үчүн кийин эле Кабыл аты өчүп, Чекир аталып калган. Анткен менен атка тың, анан сөзгө бай жигит. Сүйлөгөндө чечендик жайы бар. Садыктын үйүнөн чыккандан бери болгон дитин анын аялы бийлеп алып, эки ооз сөзүнүн бири эле жаш токол болуп калды. Чынында ал келинди Садыкка ыраа көрбөй, ичинен кызганыч сезими күч алган үчүн, аны оозунан түшүргөн жок.

Экөө улуу шашкеде Эрметтин үйүнө жакын жерге келишти. Тоо чөбүнүн жыты, бетегенин жашыл түсү тим эле көзгө кооз көрүнүп, курсагы ачкан аттар улап баштарын жерге сала калышып, оттогонго аракеттери күч болду. Алыс жол жүргөнгө курсактары ачканы ушундай улам билинип турду. Аңгыча эле, маңдайкы имерилиштен койлордун карааны көрүнүп, бери карай жай оттоп келе жатышты. Бул Эрметтин койлору сууга түшкөнү ылдыйлап келе жаткандагы учуру. Экөө аттардын тизгинин жыя кармашып, тык токтоп калышты. Аңгыча койлордун артынан таяк кармаган жаш жигит көрүндү, кой кайтарган койчу экенин билгизип. Алдында баштаган эркеч бир кезде сууну көздөй чуркап жөнөдү эле, баары артынан чурулдап маарап сууну көздөй чуркашты. Аңгыча таяк кармаган койчу эч шашпай кыя жол менен ылдыйлап келе жатканда, экөө алдынан чыкты. Тиги койчу бала бул экөөнөн чочулаган жок. Эригип турган неме кайра булар менен сүйлөшкүсү келип, утурлай басты. Аралык жакындаганда, Сапарбек алгач тааныды, Бекмурзага окшоштуруп. Бала жакын келгенде алгач Чекир сөздү баштады, калмакча сүйлөп салам берип. Бактыбай кантсе дагы жалтаң өскөнүн билгизип, бейтааныш экөөнү жок издеп жүргөндөр го деп ойлоп, берилген саламды алик алып "байкелер силер кимсиңер?" дегенсип карады. Чекир чочутуп албас үчүн:

- Биз жок издеп жүргөндөрбүз. Бул койлор кимдин кою, жайыт кимдики? - деп эки суроону катар берди эле, Бактыбай эми гана өзүн эркин сезип:

- Бул жайыт Эрметтики. Койлор дагы.

- Сенин ысмың ким?-деп Чекир суроо берди ыгын келтирип. Бактыбай калмакча атын айтканда, Сапарбек эки жакты аяр карап алды, "эч ким жокпу?" дегенсип. Жолго чыгарда Сопу айткан ысымды укканда Чекир, издеп келген баланын нак өзүнө жолукканын билип:

- Сенин кыргызча ысмың Бактыбайбы? - дегенде Бактыбай башын ийкеп жооп берип:

- Силер кайдан билесиңер? - деп кайра суроо узатты. Сопу айткандай бул баланын тили такыр эле калмак тилине бурулуп калганын баамдаган Сапарбек, Чекир экөөнүн сүйлөшкөн сөздөрүнө түшүнө берген жок. Ичинен аны аяп, ал уурдалгандан бери атасы менен энеси али күнчө жол карап күдөрлөрүн үзбөй күтүп жатканын айтайын дейт, ага тил билбегени жолтоо болуп, кулак төшөп гана турду. Бир кезде тиги экөө бир сөзгө келди белем Чекир:

- Сапарбек, кеттик, биз кечке чейин суук көзгө урунбай тиги коктуда булак бар дейт, ошол жактан күтмөй болдук. Бактыбай койлорду короого киргизип коюп, түнү ат менен качып келмей болду. Ал деле атасы менен энесин сагынып, "ушинтип жүргөнчө силер менен кетем" деп, ушул учурду күтүп жүргөнүн айтты. Буйруса иш оң жагына оомой болуп калды көрүнөт. Сапарбек экөөнүн сүйлөшкөн сөзүнөн эле билген, иш оң жагына оогонун. Чекирдин тил билгени ушул жерден чоң кереке жараганына ичи жылып, эч сөз кайрып айткан жок.

Кабагы ачык нары баскан Бактыбайдын сырт келбетин ушундай бир аянычтуу көз караш менен карап, көзүнө келген жашты колу менен сүртүп, туугандык аёо сезими козголуп кетти. Басып бара жаткан Бактыбай өзүнүн ушул абалынан кыйынчылыктын катуу азабын тартканын айттырбай эле билгизип койду.

Анын кичине кези алигиче эсинде. Эжелери менен каткырып күлүп ойноп, аларды атасына таянып чачынан тартып тийишкенин кантип унутат. Тиги эки кишини минтип өзүн издеп келгени күтүүсүз кубаныч тартуулап, ичинен жетине албай турду. Апасын, атасын, эжелерин эстеп, алар азыр кандай болуп калды экен деген ойду дагы ойлогонго жетишип жиберди. Бирок жүрөгүн эзген нерсе, көнүп калган жерин кантип таштап кетүү болду. Баарынан дагы бир күн илгери эле дайыма булактан кезигип жүргөн Имардын үй кызматчысы Боторойго арзуусун билгизгени, анын уялып жер карап, эки күндөн кийин жообун берем дегени көңүлүн алагды кылды. Билинбегени менен адам баласына келген алгачкы арзуу кандай гана таттуу кыялга жетелейт. Минтип жашы келип, кыз жандар учуру дагы билинбей өтүп бара жатканы, кантип көңүлүн оорутпайт. Чаржайыт ойлор менен алек болгон Бактыбай кантип убакыт өтүп, кеч киргенин билбей калды. Бирок көкүрөгүндө мекениме кетем деген дегдөө толкунданууну алып келип, кечки малды ушундай тез жайлады. Ал турсун минип кача турган атты дагы мээрчемдүү жерге тушап койду. Оңдой берди болуп бул күнү Эрмет үйдө жок болучу.

Бактыбай эбин келтирип, Боторойго барып жолугуп, бирок алыска кете турганын айткан жок. Ага айтса ал бирөөнө айтып койчудай сезилди.

Кийген кийми жупуну болгону менен Боторойдун көзү жылдыздуу, кара торунун сулуусу. Бактыбай учурун келтирип:

- Боторой, кел экөөбүз эч ким барбаган жакка качып кетебиз, мен сени менен каякадыр качып кетким келип жүрөт деди эле, Боторой жактыра бербеген түр менен карап:

- Бул оюңдан кайт. Бизди Эрмет менен Имар жигиттерине алеки саатта таптырып алып, терибизди тетири сыйрыйт. Андан көрө тынч жашообузду уланта берели. Сөз ушул жерге келгенде Боторойду чакырып калды. Бактыбай акыркы айта турган сөзүн айта албай, кабагы салыңкы кайра изине кайтты да, катып койгон ээр токумду тушалуу атка токуп, бир азга күтүп туруп, Эрметтин улуу аялынын үйүндөгү чырак өчкөндө, ушуну эле күтүп турган Бактыбай ылдыйды карай чуркап барып, токулуу аттын тушамышын чечип, атка минип, үйдөн бир аз узаганга чейин жай бастырып барып, анан аттын башын коё берди.

Бул кезде тиги экөө жол карап, чыдамдары кетип калган болучу. Качан гана аттын дүбүртү угулганда, экөөнүн кабактары ачыла түштү.

Айсыз караңгыда жол арбыта алышкан жок. Бирок түн ортосунан оогон кезде үчөө Ашуунун туу чокусуна чыга келишти. Ушуга чейин байкашкан эмес эле, арттан куугун түшкөнүн.

Дароо аттарына мине калышты да, ылдыйды көздөй чуу коюп жөнөштү. Куугун туу чокуга келгенде эмнегедир тык токтоп, калмак тилинде бир нерсе деп кыйкырып калып калышты.

Анткен менен Бактыбай дале ишене алган жок өзү туулуп өскөн айылына, атасы менен энесинин кашына бара жатканына.

Ашуунун түбүнө түшкөндө Чекир:

- Калмактар эмнеге туу чокуга чейин кууп келишип, андан бери келе алышпай кетип калышты, ушуга менин такыр акылым жеткен жок. Эгер кичине эле аракет кылып коюшканда, алар бизге тез эле жетип келишмек. Бул суроого Сапарбектен жооп күттү эле, Бактыбай калмак тилинде жооп берди, бирок азыраак кыргыз тилин кошуп:

- Менин угушума караганда, чокунун башында бир чийин бар экен. Ошол чийинден калмактарды кандайдыр бир сырдуу көрүнүш тозуп, өткөрбөйт имиш. Жакында "мен" деген өз күчтөрүнө ишенген беш калмак жигити жылкы тийип келгени жөнөшүп, чийинден нары өтө албай коюшуптур. Азыр дагы биз үчөөбүз күбө болдук го, калмактар алиги чийинге келгенде тосмо менен тоскондой тык токтогонун. Чекир бул айтылган сөздү туура көрүп:

- Бактыбай сен туура сөз айтың, бирок ал чийинди ким чийгенин билесиңби?

- Эрмет бир чоочун кишилер келгенде айткан эле "жакында буруттардын бир касиеттүү баласына азаттык берип, кетиришиптир. Ал ичине кек сактап кеткен имиш, ошол бала "Ашуудан бери өтпөй калгыла, калмактар" деп чийгенин узун сабак кеп кылып айтышты. Бирок бир караган кишиге бул жөн гана айтылган кеп болсо, ишенген кишилер үчүн мааниси терең. Сапарбек эми гана бир нерсени эстеп:

- Чекир, билесиңби, Сопу биз мында чыгарда айтпады беле "Беделдин туу чокусунан бери ашып алсаңар, калмактардын куугунунан кутулдук" деп ойлой бергиле дегенин.

- Анда чийинди Сопу чийген болобу?

Сопунун ысмын укканда Бактыбай:

- Мен ал баланы билем. Бул жакта жүргөндө ал абдан барктуу болучу. Ага мен өз ысмымды айтып, атамдын атын билбейм дегем. Баса, силер мени кимден угуп келдиңер эле? - дегенде, Чекир алдыда ат бастырып бара жаткандыктан артын карап:

- Бизге сенин ысмыңды ошол Сопу айткан. Сени атаң канча жолу издеп келди, калмак жерине. Бирок такыр таба албай катуу кыйналды.

- Мен дагы атамды абдан сагындым. Кичине кезимде мени дайыма атына өңөрүп, бастырып жүрчү эле. Азыр ошол кичине кезимди кайра кайрып берип койсо, атаганат.

Бул үчөө тоо башынан күн аркан бою көтөрүлүп калган кезде Садыктын үйүнө жете келишти. Черик ушуга чейин көңүлүнөн орун алган жаш келинди көрүүгө абдан катуу куштар болуп келди. Аттиң, билинбегени менен жүрөккө тынчтык бербеген аруу сезимдин күчүнө эмнени теңесе болот. Канчалык башка нерсени ойлоюн деген менен ага дити жол бербеди. Чынында эле айтып койгон оңой болгону менен жүрөктүн эңсөөсүн башкарууга бекем "эрк" керек, болбосо канчалаган жигит, кыздар тымызын ашыктыктын азабын тартып, санаасын чегип келген.

Чекир астананы аттап кирээри менен эле көзү менен издеди, жаш келинди. Бирок ал көзүнө уруна койгон жок. Салам берип ал жайды сурашкан соң Садык, Бактыбайга суроо узатты:

- Сен барганда атаңды тааный аласыңбы? - деп. Тили бурулуп калган курган бала эмне деп жооп берүүнү билбей турду. Качан гана Чекир которуп айтып бергенде, Бактыбай:

- Барганда көрөм. Айтмакчы, менин эң негизги максатым, мени жарык дүйнөгө алып келген атам менен апамдын жүзүн көрүү жана алардын алдында милдетимди аткарып, кызматымды өтөө. Бул сөздү укканда Садыктын ичи жылып, көңүлү өсө түштү "баланын дээринде бир нерсе бар экен" деп. Ооба, ар бир адам баласынын сүйлөгөн сөзүнөн улам кандай ой максаты бар экени билинип калат. Он балага тете бир бала болот, ата менен эненин көңүл отун өстүргөн жана ишенимин аткарган. Ар тараптуу сөздөр айтылып жатканда сырттан иймене басып, Чекирдин баятан бери күтүп жаткан айжамалы баш бакты. Аны менен бирге боз үйдүн ичине жарык нур кошо киргендей эле болду белем, көзү алая түштү. Эркектерге сынааккы да, сырдана да көз салып калган мубарак келин, Чекирдин өзүнө көңүлү имерилип калганын биринчи көргөндө эле байкаган. Ал турсун алкымы агылган арзып калган Чекирдин сук көз агытуусун жөн гана эмес, бүтүндөй жан дүйнөсү, жон териси менен сезди. Андан дагы экөөнүн көздөрү чагылыша да түштү. Ак жибек жип менен саймаланган сырт кийиминин ичинде толукшуган сымбаттуу мүчөсү жумуруланган. Турна моюн, бото көз, аккуудай керилген сулуу, арзууңду түшүндүм дегенсип, мыйыгынан аста күлүп койду. Ооба, буга чейин канчалаган эркек танаалар бул үйгө башбакты. Алардын дээрлик теңинен көбү сук көздөрү менен караганына күбө болгон келин, кош көңүл мамиле жасаган болду. Аттиң, сулуулардын бой көтөрүшүнө эркектер өздөрү ушинтип жол бергенин жалганга чыгарып болбойт. Бир кезде катар олтурган Сапарбек аста колу менен тигини ныкып коду "байка, күйөөсү кызганып кууп чыкпасын" дегенсип. Албууттанган сезимге такоол бере албай, курган жигит ашыгын улам көз кыйыгы менен карай берди. Оюу туман, ушундай да адам затында сулуу жан болот экен деген ойду да ойлоду. Ал турсун ушул келиндин ээси болгон Садыктын бактысына көз артты. Аңгыча Бактыбай дагы байкап калдыбы, калмак тилинде Чекирге карап кобураган болду:

- Байке, бирөөнүн ак никелүү аялына көз арткан болбойт! - деп. Ушул сөздү укканда гана Чекир чектен сырт чыгып кеткенин билип, жүзүндө кызыл пайда боло түштү да, Садыкты карады. Ал дагы өзүнө тигиле көз салып турган экен. Бирок мындайдын далайын башынан өткөргөн Садык жеңилдикке барбай орунду сөз козгоду:

- Балдар, эми силер эртелеп жолго чыкпасаңар болбойт. Артыңардан куугун түшүп калса, эртерээк жол арбытып алгыла. Кечинде тиги кырдан өтө алышпай калышса, күндүз өтүп келиши толук мүмкүн. Алар келсе түз эле мында келишет да, менден сурашат. Мен аларды кайра артка кетиргенге аракет кылам. Менин аларга сөзүм өтөт. Негизгиси силер алардын көзүнө көрүнбөгөндөй болгула. Бир, эки чыныдан кымыз ичкен үчөө бул сөздү угушканда шашып калышты. Дароо тасмалга бата тилешип, орундарынан турушту. Качан гана үйдөн бир топ узаганда Чекир:

- Кап, кайдан дагы бул үйгө келе калдык эле. Тиги келин менин жүрөгүмдү өзү менен бирге алып калды. Жок эле дегенде башы бош болгондо эмне, баардык тоскоолдорго ээ бербей ала качып кетет элем. Азда болсо кыргыз тилинде сүйлөнгөн сөздөргө маани берип түшүнүп калган Бактыбай, Чекирдин айткан сөзүнө түз жооп берди:

- Байке, сиз минтип бир көргөн келинге ашык болсоңуз, менин ал жакта сөзүбүз бүтүп калган селким калды. Силер мага чукул убакытты айтып калбадыңарбы. Болбосо биротоло үйгө бир башымды эки кылып келинчек алып барат элем. Бул сөздү укканда, Чекир:

- Ой, анан сен дароо эле айтпайт белең, бир күн күтүп тура турмакпыз. Бактыбай кош көңүл:

- Бир көргөн кишиге эле дароо баарын айта койгонго менин дитим чаппады. Эми аны ойлой берип арзуунун азабын тартам го? Сөз ушул жерге келгенде, арттан аттардын дабышы угулуп калды. Жай ат басыгы менен бара жаткан үчөө дароо арттарын караса, эки жигит катуу чаап келе жатышкан экен. Булардын катуу келе жаткан түрү жаман экенин дароо билишти да, алдында минип келе жаткан аттарына камчы салып, алдыны көздөй чаап жөнөштү, кудум ат чабышка түшкөнсүшүп. Эмне болуп кеткенин билишпеген аттар, дароо биринен бири калбай арыштарын кенен салып, чуу коюшту. Бактыбай атайын Эрметтин жакшы көргөн атын минип чыккан. Экөөнө караандатпай, тай чабым алдыга узап кетти. Мына күлүктүн баркы ушундайда билинет эмеспи. Тим эле учкан куштай сызган аттын чуркаганына Сапарбектин көңүлү бурулду. Анткени анын күлүк атка болгон ынтызары күч эле. Ал турсун күлүк жылкы баласын таптай койгон дагы өнөрү бар. Алдыда озуп бара жаткан атты көрүп, анын көз кызыккандай арыш кергенине кызыгып, арттан куугун ушул күлүк ат үчүн түшкөнүн Сапарбек айттырбай аңдап билди. Баарынан дагы Бактыбайдын бул кылган кылыгына ичи жылып, дитинде аны жактырып турду. Анткени ушунча кылган кызматы үчүн, өзүнүн эмгегин баалап, күлүк атты мине качканы бул жигиттик сапаты эмей эмне. Ооба, ар бир адам өзүнүн эмгегин баалай билгени абзел.

Арттан түшкөн экөө бир топко чейин кубалап келип, бирөө ат тизгинин тартып артта калды да, бирөө кубалап келе жатты. Жалгыз атчандын келе жатканын көрүп, артта келе жаткан Чекир токтоп калды. Жалгыз атчан жакындаганда, баш кийимин чече калып, булгалады. Аларды, Садык атайын жибергенин билишсе, күтө турушат эле. Чекир эми гана эсин жыйып, жалгыз атчандан коркпой, боюн токтотуп, он кадамдай алдыда бара жаткан Сапарбекке карай кыйкырды:

- Сапарбек, токто, тиги кишини күтөлү деп. Алдыга узап кеткен Бактыбай артын деле караган эмес. Бир топ алдыга узап кеткен. Алдындагы аттын күлүк экенине ушу жолу баам салды. Укканы бар эле, аттын күлүк экенин, бирок аттын күлүктүгүнө көңүл деле бурган эмес, жөн гана Эрметин жакшы көргөн аты деп билген. Бир кезде артын караса, тээ алыста үч атчандын сүйлөшүп турганын көрүп, кайра артка кайтты.

Арттан келген жигит, жетип, жетпей эле:

- Мен силерди көпкө кармабайм. Куугун келди, артыңарга карабай тез жүргүлө. Колуңардан келсе адаштырмай жолдорго салгыла. Кожоюн, аларды алаксытып турам деп, бизди жиберген. Мен кайттым анда, деп атынын башын тетири бурду. Бул сөздү укканда эле, үчөө жүрүштөрүн тездетип, сапарларын улашты. Ошондо да Чекир кебелбей:

- Куугундар Садык аксакалдын сулуу токолуна арбалып олтурушканда, биз бир кыйла узап кетебиз, деп, дагы арзып калган келинин сөз арасына кыпчып өттү эле, тиги экөө бул жолу анын айткан сөзүнө кайрып эч сөз айтышкан жок. Бирок кантсе дагы өз жер деп эрдемсиништиби, көңүлдөрү ток экени жүздөрүнөн билинип турду.

Беш калмак жигит тигилер жаңы гана кырды ашып кеткенде, жакынкы белден бери бурулуп калышты. Эгер азга эле эрте чыгышкан болсо, кетип бара жаткан үчөөнү көрүп калышат беле, ким билет. Алар үйгө киргенде, Садык атайын эки жигитин чаптырган болучу, "артынан барып айткыла, бул аймактан тез кетип калышсын" деп.

Беш калмак жигит, Беделдин башынан аша албай, аны айланып өткөн үчүн, кармалып калышканын сөз арасында кеп кылып өтүштү.

Бешөөнүн сакалдуусу экени курсагынан эле билинген, тамакты ылгабай жеген кара киши:

- Бул ашуунун башынан бери ашкан бизге абдан кыйын болду. Түндө жакшы эле ашуунун туу чокусуна чейин келдик, анан эмне болду билбейбиз, аттарыбыз чоң зоокага такалгансып эле такыр баспай коюшту. Бир топко убараландык анан биз дагы бир балээге кабылбайлы деп, кайра артка тарттык. Ушул жерден Садык сөз кезеги келгенде айтып калды:

- Бир малай үчүн эмне мынча ат тердетип келдиңер?-дегенде, бакылдап сүйлөгөн алиги киши:

- Малай өзү жалгыз качмактан качсын, бизди ал кызыктырган жок, Эрметтин күлүк атын мине качып кетип жатпайбы. Ал аттай күлүк ат, калмак жеринде жок. Биз атты таап барбасак, Эрмет бизге тынчтык бербейт. Бул сөздү укканда, Садык сыртка чыгып, алар минип келген аттарга көңүл бурбаганына ичинен өкүнүп алды да, анан сыр бербей:

- Эгер алар бул жакка келсе. Биздин үйгө тийе кетишмек. Балким түн ичинде өткөн болсо, анда иттер үрөт эле. Менин баамымда, тескейди көздөй кетишсе керек наркы белди ашып. Бул айтылган сөздү укканда, ооз жакта олтурган калмак:

- Мен силерге айттым беле, аттардын изи ал жакты көздөй кетиптир деп. Артынан эрте түшкөндөй бололу, алар узап кете электе - деп, чыйпылыктап жиберди. Курсакчан киши:

- Шашпа, артынан эмне болгон күндө дагы жете барабыз. Түндө суукта калганга, жаным жер тартып, кыйналып турам. Дагы жакшы, курсакты кампайтып алганыбызга деп, Садыкка ыракматын айтты. Садык качан гана тасмалга бата тиленгенде, сыртка чыгып калмактарга маңдайкы бетти колу менен көргөзүп:

- Тээтиги тоонун аркы бетинде кыя кеткен жол бар. Ошол жол менен жүргүлө, балким таап калышыңар ажеп эмес. Бул сөздү укканда калмактар аттарына минип, кош айтышып темине бастырышып, сылай камчы салышты. Садык алар кеткенде дагы ичинен бушайман болду "кап, жана сыртка чыгып тиги үчөөнү узатканымда, калмактар кызыккан атты өз көзүм менен көрүп калат элем" деп, эми ичинен жеген санаа күлүк атты көрмөйүн, жанын жай алдырбайт. Болгон ой тилеги, кызыккан дили күлүк ат таптоо. Садык ат чабыштарга барып калганда, саяпкерлердин жанына карыш жылбай, аттарды сынаган сынын уккандан канагат алат. Эки жолу ат таптап, байгелүү орунду алып, биринчи жана экинчи байгени алганы, күлүк атка кызыгуусу артып калган. Эми минтип эшигинин алдына келген күлүк атты көрбөй калганы үчүн, өзүн кечире албай турду.

***

Баланын санаасын көп жыл тарткан Бекмурза менен Санийпаны эми баштагыдан чоң санаа курчап, түнү уйкулары качып, күндүз жол карагандары адатка айланды. Негизи жашоонун шарданында аялдар сабырдуулукту көбүрөөк кармашабы, Санийпага караганда Бекмурзанын чыдамы кетип, сабыры түгөнүп калды. Бактыбайдын дайынын уккандан бери "тукум улоочум табылды, эми көзүн көрсөм арманым жок" деп ичинен уулунун аман эсен келишин миң кайталап тиленди. Бир жерге олтура албай, уулу келгенде садага чабуу үчүн улагын камдап, ал турсун малынан бери дайындап, чоң той бере тургансып даярданып алды. Кемпири канчалык кагып урушса ага дагы болгон жок.

Бул күнү таң эрте, өзүн кармана албай атын токуп минип, Сопуга жолугуп келүү үчүн ат бастырып чыкты. Санийпа жакшы эле айтты, "барба" деп. Ага болчу беле, шашма мүнөзү бар Бекмурза.

Ат менен кенен эки сааттык жолго чыккан Бекмурза, Сопуга эмне максат менен кеткенин кемпири түшүнгөн да жок.

Жалган шашкеде Сопу маңдайкы кырда олтурганда, Бекмурза келип аттан түштү. Сопу анын келээрин алдына ала эле билген. Жашыл тулаңда көк асманды карап, быйыл кандай жыл болот ичинен аба-ырайынын боло турганына терең берилип, ай саноо менен алек. Аттиң ушул учурда эч ким тоскоол болбосо кана.

Илгери кары кишилер кыштын кандай болорун алдына ала билип, элге кабар беришчү "кыш катуу болот, отун-сууну кенен камдагыла" деп. Адам жаратылыштын тилин түшүнүүгө чейин карайлап ага баш ийет, ал эми түшүнгөндөн кийин жаратылыш адамга баш ийет. Баамчыл адамдар жаратылыштын кандай болоорун алдына ала билип, кам көрүп келген. Бул өнөр Сопуда дагы бар эле. Ошол себептен ичинен күндүн өйдө көтөрүлгөнүнө, тээ батыш жактагы ала булутун жылганынан бери баам салып карап олтурганда, оюн бузуп шашма Бекмурза жанына келип калды.

- Саламу алейкум, - деп озунуп салам берген сакалдуу кишинин саламын алик алган Сопу, бир саамга үнсүз отуруп, сөз күткөн карыяны карабай туруп:

- Сиз мага убара болуп бекер келипсиз. Уулуңуз буйруса жакын арада келип калат. Келгенде дагы астына ат салбаган күлүк ат минип келет. Бирок сиз ал күлүк аттын күлүктүгүнө кызыкпай, малга айырбаштап жибериңиз. Болбосо аттын азабын тартып каласыз. Дегеним күлүк аттын артынан куугун келиши толук ыктымал. Ал күлүк ат алдына ат салбаган чыгаан күлүк. Ээси катуу издөө салдырат. Эгер тилди алсаңыз, Тынай уруусунун мыкты чыкма балдарына бериңиз. Алар келген калмактарды кайра келгиз кылып кубалап жиберишет. Болбосо уулуңузга да сизге да тынчтык беришпейт.

Бул сөздү укканда Бекмурза:

- Сопу балам, деги сага кеңешмейин эч иш кылбай калайын. Балам күлүк ат минип келеби же жөө келеби деги мен анын жүзүн көрөмбү, мени ойго салган ушул маселе. Сопу бери бурулуп:

- Эгер сиз азыр кайра изиңизге эрте тартсаңыз, уулуңузду үйүңүздөн күтүп аласыз. Шашпасаңыз анда уулуңуз үйгө келип жай алгандан кийин көрөсүз.

Бекмурза кабагы салыңкы:

- Сопу деги сен чын айтасыңбы? Уулумдун келишин сен кантип билдиң?

Бул айтылган сөзгө жооп бергенге шашылган жок. Бир топко үнсүз олтуруп:

- Сиз менин уулуңуз келээрин кантип билгениме кызыкпай, азыр аны күтүп алганга аракет кылыңыз. Кантип келээрин билгенимди сизге түшүндүрүп айтканга көп убакыт керек. Сиз аны кийин түшүнүп, кийин билесиз. Менин сырымды азыр эмес, убакыт өткөндө билип, учуру келгенде сезесиз. Азыр убакытка уттурбай эрте жолго чыгыңыз. Баса, менин айткандарымды эстен чыгарбасаңыз. Бекмурза карыя эмне деп сөз айтышты билбей делдиреп туруп калды да, Сопунун көз карашынан бир нерсени түшүнө калып, атына минип кайра үйүн көздөй шашып жөнөдү. Жолдо карата бир ишенип, бир ишенбей Сопунун айткан сөздөрүнө өзүнчө анализ жүргүзүп, таң калганы күч алып атын теминип алды.

Келгенине болгону бир айга чукул убакыт боло элек Сопуну издебеген киши жок. Катын- калачтан баштап эл бийлеген бийлерден бери ар нерсени сурап келген кишиден колу бошой элек.

Анткен менен элге кадыры сиңгени кабагын көтөрсө, ичинен бушайман болгону колукту алып балалуу болбосу мите курттай ичинен жегенин ойлогусу да келбейт.

Атасы менен апасынын дагы шагын сындырып катуу айтып алганына өкүнүп, ойлогон ою бузулуп, эсептеп жаткан ай саноосу дагы оңунан чыкпай калды.

Анткени таң эрте көргөн түшүнөн эле билген, Бекмурзанын келээрин. Бирок минтип катуу ойго алаксып ай санап олтурганда келээрин билгенде, алыс барып ишин кылмак эле. Бекер айтылбайт "адам сүйлөп жатканда жана иш кылып жатканда тоскоол болгондо ой жоголуп сөз бузулат же ишке болгон көңүлдүн кайтып кетиши күтүлөт" деп.

Ар тараптуу ойлордун кучагынан чыга албаган Сопу, олтурган ордунан туруп, ылдыйлап баскан кезде, ак боз ат минген киши эшиктин алдына келип аттан түштү. Ал кишини көрүп эле Сопу анын жөн келбегенин билип, кадамын ылдамдатты.

Бул киши атайын алыстан ат арытып келген Черик уруусунан чыккан сынчы Матай эле. Бул киши дагы жөн киши эмес, алдыны көрө билген олуя, айтканы айткандай чыккан сынчы, топко чыгып сүйлөп жүргөн Чериктин жакшысы. Сопунун дайынын угуп, алыстан атайын ат бастырып чыккан. "Ырчы ырчыга жакын, сынчы сынчыга жакын болот" демекчи, келген жөнүн дароо айта койгон жок. Кадырлуу киши кайда болбосун, кадырдуулугун кылат. Билинбегени менен Матай алыс, жакынга таанылып калган, аты чыккан инсан.

Эшиктин алдында ат жабдыгын ирээттеп олтурган Эсет Матайды көргөндө олтурган ордунан тура калып, салам берди. Анткени Матайды жакшы таанып, жакындан тааныштыгы бар.

Экөө учурашып, ал жайды сурашкан соң, үйдү көздөй басышты. Ушул убакта Сопу жакын келип калды. Матай жылдызы жанган баланын саламын алик алып, дароо эле билди өзү издеп келген бала ушул экенин. Бирок эч сыр бербегенге аракет кылды.

"Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт" дегендей, ички тую сезими күчтүү Сопу дагы сыр бербегенге аракет кылып, сыртта калып калды. Эгер чакырса кирейин деген ойдо.

Матай бир чыныдан чай ичилгенден соң, кеп учугун козгоду:

- Эсет бешик бооң бек болсун! Уулуң келгенин угуп, учурашып кетейин деп кайрылдым. Жакшы иш болгон тура.

Эсет башын ийкеп, ыракмат дегенди ушинтип билгизди да:

- Бул калмактардын жоругу курусун. Балам уурдалганы эки баланын дайыны чыкты. Бир баланы мен өзүм таап келдим эле, уулумду издеп барып. Эми дагы бир баланы алып келгени кетишкен. Алардын келчү убагы деле болуп калды.

Сөз ушуну менен уланып, Сопуну чакырып алышты. Матай дагы бир сыйра сынай карап, ичинен катуу өкүнүп алды. Анткени сынчы Сопунун калмактардан көргөн кордугун дароо байкап, Сопу сынына толуп, кетээринде Эсетке айтты:

- Балаң бир мүчөсүнөн кемип калыптыр. Бирок уулуңдун элге тийе турган кызматы али алдыда. Көп жашайт, сенин атыңды чыгарган чыгаан уул болот. Бир гана сенден өтүнүч "балаңды үйлөн" деп кыйнаба. "Бири кем дүйнө" деген ушул, перзент үнүн укпаганы. Эсет ушул сөздү укканда уулунун айткан сөзүн эстеп, калмак жеринен кордолуп келгенин айттырбай билип, башын ийкеп гана жөн болду. Бул кезде Сопу коюнунан түшпөгөн китеп менен алек болуп, китепке үңүлүп үйдөн окчун жерде олтурган.

Эртеси таң эрте атын тердетип, Бекмурза өзү келди да, эч сөзгө келбей Сопуну кучактап бетинен өөп:

- Сопу сага миң мертебе ыракмат. Уулумдун табылышына жана анын келишине сенин эмгегиң чоң. Жүрү азыр үйгө, балама арнап сойгон малга бата кылып, тойго катышып, бир ат минип кет. Балам сени күтүп жатат - деди, энтиге сүйлөп. Сопу мыйыгынан күлүп:

- Аксакал, эмне өзүңүз келдиңиз. Балдарды эле жиберип жибербейт белеңиз, убара болбой.

Бекмурза калдалаңдап:

- Атайын өзүм келдим, сенин колуң бошобой калабы деп. Ансыз деле келген элдин берген суроосуна жооп берип, талабын аткарып колуң бошобойт. Уулум сени келгенде эле сурап, сени көргөнгө куштар болуп жатат. Сопу бүгүнкү иши да калаарына ичинен өкүнүп, айласы жок макул болду.

***

Бекмурза үйүнө керээри менен эле аялына кайрылды:

- Саныйпа, бол эле бол, азыр уулум келет, тасмалыңды даярда! - деди. Саныйпа абышкасынын шашмалыгын жакшы билген үчүн, эч кебелип койбой:

- Энтикпей жай олтуруп түшүндүрүп айтчы деги? Сага ким айтты, уулубуздун келээрин?

Бекмурза калдастап, эки жагын элеңдеп карап алып:

- Кемпир, сен эмне талпайып олтурасың? Азыр жоготкон уулубуз келет деп мен сага дагы айтам. Мага Сопу айтты. Сопу баарын билет.

Саныйпа оозун чоюп:

- Ошол жаш баланын айткан сөзүнө дагы ишенесиңби!? "Сени башты чакпай кетсин" деп атайын жөнөтүп жиберди да. Кантип эле үйүндө жатып алып билип койду, биздин баланын келээрин. Деги өзүң эле ой жүгүртүп көрчү. Эмне ал бала ушундай эле кыйын көзү ачык болуп кетиптирби? Абышка карыганда жакшы карычы, жаш баланын сөзүн айтпай. Кыйын экенсиң анда тиги Сарыжонго чейин жолун тосуп барып кел. Бекмурза чыйпылыктап жиберди:

- Кемпир, сен Сопуга жаман сөзүңдү тийгизбе! Ал деген биздин баланын табылышына себеп болду. Барсам ачык эле айтты "тез үйүңүзгө барып, уулуңузду тозуп алыңыз" деп. Баягы улакты таап коюш керек, садага чапканга. Кой, мен сыртка чыгайынчы, сени менен акыйнек айтышпай. Сөз ушул жерге келгенде, сырттан иттин үргөнү угулуп калды "бирөөлөр келди" деген белгини берип. Бекмурза сыртка чыгып эле, болгон үнү менен кыйкырып жиберди:

- Уулум, келдиңби?! - деп. Бул сөздү укканда Саныйпа сыртка кантип атып чыкты аны өзү дагы билбей калды. Абышкасы менен бойго жеткен бала кучакташып турган экен. Нары жакта баланы таап келгени кеткен эки жигит, жалдырама тийгенсип экөө аттан түшпөй карап турушуптур. Эми гана Саныйпа уулунун табылганына жана анын келгенине толук ишенип, кадамын алдыга таштап "баа" деп бакырып барып эле абышкасы менен уулуна бой таштады. Эх ушул көрүнүштү жазганга сөз жетпейт го чиркин! Качан гана элдер жыйылып келип, үчөөнү ажыратышканга чейин эч сөзгө келбей бири-биринен колдорун алышкан жок. Саныйпа эчак тилден калган. Ылайыктуу бир ооз сөз оозуна келбей, болгон күчүн ыйдан чыгарып, уулун уурдатып ыйлаганда кандай ыйласа, азыр дагы ошондой ыйлап жатты. Андан дагы күмөнсүнүп, бетиндеги тырыкка көз салганга үлгүрдү. Баягы кулун тээп жиберип, бетинде калган тырык күнү бүгүнкүдөй экен. Эгер ал тырык болбогондо уулун тааныбай деле калмак беле ким билет. Бир кездеги уурдаткан баласынын жыты али күнчө денесинен кетпегенин энелик сезим менен сезип, ошол уулунун мурунга тааныш жытына мас болуп турганда, келген элдер араң ажыратышты. Саныйпа калдаңдап барып үйдөн бир идишке суу алып чыгып баласынын башынан айлантып, алыс алып барып төктү. Ал эми Бекмурза бир баланы улакка чаптырды. Качан гана жайланышып олтурушканда гана уулунун тили бурулуп калганын угушуп, ичтери муздай түштү. Анткен менен көптөн күткөн тилектери кабыл болуп, уулунун көзүн көргөндөрүнө ыраазы болуп турушту.

Аңгыча улак келип садага чабылды. Ызы-чуу көбөйүп, учурашып келген элдердин карааны көбөйдү. Сопу айткандай Бекмурзага уулунун минип келген аты көзүнө бир башкача көрүнүп, күлүк экени даана байкалып турду. Ушул жерден Сопунун билермандыгына, алдыны көрө билгенине, айтканы так келгенине ичинен ыраазы болуп, таң калып, анын касиетине баа берди. Айткан сөзү айткандай келип жатса кантип таң калбайт.

Кеч кирип эл аягы суюлуп калганда Саныйпа:

- Ыя, абышка, сен айткандай тиги, Эсеттин уулу Сопу чын эле "олуя" болуп кеткенби деп калдым. Ал айтканындай эле уулубуз келип калды го?

Бекмурза кабагын чытып:

- Сен качан айткан тилди алчу элең. Сопуга жаман сөз эмес, жаман ой ойлогонго болбойт. Анын айтып берүүчү койнуна салып жүргөн китеби бар. Кичине китебин карап алып эле көп нерсени билип коёт экен. Биз эмес эл бийлеген бийлер дагы кеңеш сурап барып жатпайбы. Ал бала жөн бала болсо, мынчалык аз убакытта оозго алынбайт болучу. Саныйпа эми гана эсине келгенсип:

- Анда эртең өзүң барып ал баланы малга бата тилегенге алып келип, ат мингиз. Карачы балам ушунча жыл азапты гана көргөн экен. Деле үстү жаңырып кийим кийбептир дагы, курсагы тойо тамак жебегени көрүнүп эле турбайбы. Калмактардын боору ташпы деп калдым. Жок дегенде ушунча жыл малай кылган соң, эмгегин баалап бир жолу кийим алып берип коюшса деле болот эле го?

Бактыбай аз болсо дагы кыргыз тилине түшүнүп, кээ бир сөздөрдү билип калган. Апасы менен атасынын ар бир айткан сөздөрүн ынтаа коюп кулак төшөп, түшүнүп турду, бирок сөзгө аралаша алган жок. Балам келип калса деп кийим алып коюшкан. Жаңы кийим кийгенге жөн эле чечекейи чеч болуп сүйүнүп, кубанычтан көзү жайнап турду. Аңгыча эле сырттан уңулдаган үн чыгып, Бекмурзанын жакын жерге турмушка чыккан кызы кирип келип, эч сөзгө келбей эле:

- Уялашым, - деп, эле Бактыбайды кучактап калды. Бактыбай дароо тааныды эжесин, кантип унутат. Эң кичүү эжеси. Удаалаш болгон үчүн ушул эжесине абдан жакын болучу. Экөө бир күндө канча урушуп, канча жолу табышчу эле. Ойносо дагы бирге ойноп, оюнга тойбой турган кездеринде калмактар экөөнү бөлүп салышпады беле... Кантсе дагы кыз эмеспи. Бир туугандык сезими жөн эле көзүнөн жашты куюлтуп, арчыганга ээ бербей турду.

Укканда эле эч кимге ээ бербей мамыда байланып турган атты минип, мында жөнөгөн. Чынында Бактыбай уурдалып кеткени ушул эжеси абдан катуу күйүткө баткан. Турмушка чыккан күндө деле "инисинин жүзүн бир көрсөм" деген тилекти тилеп, келгени чын эле. Инисинин келгенин укканда, калдастап, ал турсун эмчектеги баласына карабай жолго чыкканы, туугандык сезимдин улуулугунан белги берип турду. Бул эми кыз баланын боорукерлигин айгинелеп турбайбы.

Бактыбай дагы шолоктоп ыйлап, эжесин тирүү көрүп турганына ишене албай күчүн көз жашынан чыгарды. Эми дагы эки эжеси келе элек. Алар келсе, мындай кубанычтар кайталанары белгилүү иш.

Эртеси Сопу келгенде алгач Саныйпа алдын тозуп чыгып:

- Балам, мен сага өмүрүм өткөнчө ыраазымын! Сен болбосоң биз уулубузду көрбөй калат белек, ким билет? Жаштык таңкы сайраган торгой болсо, карылык кечки сайраган булбул. Минтип карылык айылына баш бакканда баламдын табылышына сен себеп болдуң. Мунуңа ыракмат!

Сопу башын ийкеп гана тим болду да, мамыда байланы турган аттан көзүн албай, жанында катар турган карыяга кайрылды:

- Айттым беле "уулуңуз күлүк ат минип келет" - деп. Эми тиги атты көпчүлүккө көргөзбөй бага туруңуз. Ээси келет, жакшы баада сатып жибериңиз. Ичкериден чыккан Бактыбай, Сопуну көргөндө эч сөзгө келбей кучактап калды "сиз болбосоңуз мен мында келмек мес элем" деп. Ооба, чынында эле Сопу ушул жерден баягы калмак жеринде көргөн бала менен азыр көргөн баланын айрымасы асман менен жердей болуп айрымаланып турганына кызыкты. "Адамдын көркү чүпөрөк" деп бекер айтылбаганына ушул Бактыбайдын азыркы элеси эле айгинелеп турду.

Сопунун дарегине жаман сөз айтып алган Саныйпа өзүнчө эле бушайман болуп жатты "менин айткан сөздөрүмдү эмдигиче билип койду го" деп. Анткени абышкасы айткан эле да "Сопу уулумдун күлүк ат минип келээринен бери билип айтып койду, ал айткандай эле уулум күлүк ат минип келгенин кара" деп. Саныйпа абышкасынын айткан сөзүнө терең баа берип, Сопуга карата ою оңолуп, анын касиеттерине кечээтен бери терең ишенип калган. Чынында эле баары ал айткандай болуп жатса кантип ишенбей коё алат. Сопу тасмал четинен орун алып олтурганда Бекмурза:

- Сопу, сен эми айтчы шашпай олтуруп, менин уулумдун өзүң айткан убакта күлүк ат минип келээрин кантип билип койдуң?

Сопу алдыга келген даамдан ооз тийип, жооп бергенге шашылбай, үйдүн ичин бир сыйра кыдырата карап алып:

- Бекмурза ата, анын баарын өзүңүз эле билгизип койбодуңузбу. Адам баласы ички туюу сезими менен эсептеше билгени оң. Сиз тээ алыстан келе жатканыңызда менин алгач минген атыңызга көзүм түшкөн. Анан да сиздин баардык кыймыл аракетиңиз алдыда боло турган окуяны айгинелеп боло турган нерседен белги берип турду. Кыскасы менин ички туюу сезимим баардык болгон кыймылдан алдыда боло турган нерсени билгизип турат. Сизде шашмалык мүнөз көбүрөөк кабылданса, менин туюу сезимим көбүрөөк кабылданса керек.

Бекмурза жакшы эле суроо берип, аракет кылганы менен Сопудан өзү күткөндөй жооп ала албады. Кандайдыр бир сырды ичине каткандай, Сопу дагы ачылып сүйлөп берген жок.

Сынчы, олуя адамдар эч качан ички дүйнөсүн ачык айтып сыртка чыгарган эмес. Сопуга дагы канча киши кызыгып суроо бергендери менен ачык жооп ала алышкан жок. Анткени кыска жана так айтылган сөздүн артында эмне деген сөз жатканын биле беришпеди.

Ушул күндөн туура эки күн өткөндө, Садык түшкө маал Эсеттин үйүнө эки жигити менен келип калды. Анын күлүк ат үчүн келгенин Сопу айттырбай эле билип, эч сыр бербей сөз күттү. Качан бир сыйрадан кымыз ичилип, ал-жайды сурашкан соң, Садык өзү кептин учун чыгарды:

- Сопу, менин эмне максат менен келгенимди билесиңби? - деп. Сопу кымыздан сыпаа ууртап:

- Билем, ал турсун менин сизге айта турган кеңешим бар. Садык бул сөздү күтпөгөн үчүн, суроолуу карап, көзүнүн каректерин өзгөртүп, таң калганын жашырган жок:

- Кандай кеңеш? - деди. Сопу эч шашылбай:

- Сизди бул жакка алыстан калмактардан келген күлүк аттын азгырыгы азгырып келгенин, кантип эле билбей калайын.

Садык таң калып:

- Ооба, сенин баамдаганың чындыкка дал келет.

Сопу карегин тартып алып:

- Сизге ал күлүк ат жагат. Баасы келишсе ал ат сиздики болот. Бирок калмактарга кандай жооп бере аласыз?

Садыктын эми чындап шаштысы кетти да:

- Ал жагын өзүм билем. Негизгиси ат колума тийсе болду.

- Тээ илгертеден бери сулуу кыз менен күлүк ат сиздей колунда бар байлар менен бийлердин энчисине басылгандай эле келе жатпайбы. Аны коюп сиз эртелеп бастырыңыз дагы, Бекмурза атага жолугуп мени айтты десеңиз, атты сизге берет. Бирок, сиз ал аттын баасын ичиңизди оорутпай жакшы берсеңиз, ат сиздин колуңузга тийип калса, кийин чоң байгелерди алып келээрин атты көргөндө эле билесиз. Эгер күмөн санасаңыз атты кыйын саяпкерге деле сынатып көрсөңүз болот. Куш учуш үчүн жаралса, адам бактылуу болуш үчүн жаралган. Балким сизге тиги күлүк ат кадыр барк, белгисиз бакыт тартуулап калышы толук мүмкүн. Садык жүйөөлүү айтылган сөзгө муюп, ичинен ойго алаксып олтуруп калганда Сопу:

- Эртелеп атты барып көрүңүз. Болбосо башка бирөөлөр алып кетиши ыктымал. Ал атка кызыккандар абдан көп.

Бул сөздү укканда Садык шашып, олтурган ордунан тура калды.

Сопу айткандай эле Бекмурзанын шаштысы кетип калган эле. Анткени атка кызыккандар улам келип карап, баасын толук быча албай жатышкан болучу. Садык келип көрүп эле, аттан көзүн албай туруп:

- Атты мага бериңиз. Бир үйүр жылкы айдатып келип алып кетем - дегенде, Бекмурза дароо макул болуп, кол алышып атты соодалап салды. Анткени буга чейин эч ким мындай чоң бааны айткан эмес эле. Бир чети Сопунун айтканын дагы эске алды. Сүйлөшүлгөн сөз боюнча Садык атты алып кетип, эки жигит бир үйүр жылкыны айдап келмей болду. Анткени Бекмурза күлүк атты уурдатып жиберемби деп күмөн санап, дароо берип жиберүүнү эп көрдү. Күлүк ат менен сулуу кыз буга чейин эле талашка түшүп келген жана түшө берээри анык иш экенин ким тана алат. Айткандай бул күлүк ат дагы аз калган, талашка түшөөрүнө. Эми минтип анын тагдыры чечилип, баасы бычылган соң, атка кызыккандар бармактарын тиштеп кала беришти.

- Садык күлүк ат колуна тийгенге сүйүнсө, Чекир арзыганын бир көргөнгө куштар болуп, жылкы айдап келүү үчүн, озунуп алгачкылардан болуп өзү макул болду.

Бактыбайды таап келгенден бери уйкусу качып, бир көргөн айжамалы келишкен сулуунун чырайына арбалып, кантип жана кандай шылтоо таап барып каректе калган сулуунун жүзүн көрүп келүүнүн амалын таппай жүргөн, курган жигит. Эми минтип илдеттин шыпаасы табылгансып, көктөн издегени жерден табылып турганына кантип сүйүнбөйт.

Садык кетип бара жатып, Сопуга кайрылды, түз кетип калбай, "коштошуп кетейин" деген ойдо. Андан дагы эмне сөз угам деп ойлоду. Сопу узатып жатып:

- Күлүккө сак болуңуз. Билем сиздин амалыңызды. Бирок баары бир калмактар таанып коюшу толук ыктымал. Садык өзүнө ишенип, үнүн жогору чыгарды:

- Ал жагы менин ишим, эч кам санаба. Эң негизгиси тулпар колго тийди. Ушул жашка келгени мындай күлүк атты көргөн эмесмин.

Атка кызыккандардын бул адаты экенин Сопу билген үчүн кош көңүл жылмайып койду. Анткени ар бир күлүк атка куштар болгон киши үчүн өздөрү кызыккан ат баардык аттан күлүк жана сымбаттуу көрүнө берээри анык иш. Садык тим эле алтын таап алган адамдай маңдайы жарык, Сопу менен жакшы маанайда коштошуп, жолуна түштү.

Жолдо карата эки жигиттин бири жетелеп бара жаткан атка улам көз агыта карап, андан өөн издеген болду. Ал эми Чекир үчүн жол арбыбай, жүрөгүнө тынчтык бербеген аял затынын жүзүн бир көрүп алуу үчүн таттуу кыялга жетеленип бара жатканы баам салып караган кишиге билинип эле турду. Мына бул эки адамдын эле эки башка нерсеге болгон кызыгуусу. Көрсө бул жашоодо ар бир адамды жакшы ойго, таттуу кыялга жетелеген, үмүт шамын жандырган кумар оту болот белем. Ооба, Садыктын болгон дитин күлүк ат ээлеп алса, Чекирдин санаасын сулуу аял заты ээлеп алганы эле күлүк ат менен сулуу аялдын азгырыгы бирдей салмакта экенин билгизип тургандай элес берип жатпайбы.

Качан гана айыл четине келгенде Садык атты жетелетип келе жатып, жылкы четинде жүргөн эки жигитти өзүнө кол шилтеп чакырып алып:

- Тез аранын ичинде бул аттын өңүн өзгөрткөндөй болгула да, Кулчун саяпкерге тапшыргыла. Бир айдын ичинде табына келип, казакта боло турган ашка даяр болсун! - деп, каарын төгө карады да, аттын тизгинин бирөөнө карматып:

- Мага Жума тез келип жолуксун! - деп дагы үнүн өктөм чыгарды анан Чекирге карап:

- Силер бүгүн өргүп, эртең жолго чыккыла. Баса, сен кызыккан жеңең азыр үйдө жок, эртең келип калат чыгар, төркүнүнө кеткен - деди. Бул сөздү укканда Чекирдин өлбөгөн гана төрт шыйрагы калды. Башы дароо жер карап, уятынан жүзү кызарып, эмне деп жооп айтууну билбей каткан бойдон калды. Садык бир гана ооз сөз менен болгон өчүн алып алгансып, атына камчы салып жүрүшү тың атын шайдоот бастырып алдыга жөнөдү. Чекир үчүн ушул сөздү уккандан көрө, чокмор менен башка жеген алда канча жеңил болмок. Ушул жерден улуу, акылга дыйкан кишилер эч кандай күч колдонбой, бир ооз сөз менен гана болгон өчүн алып коёрун билип, Чекир өзүн-өзү жек көрүп кетти. Ал турсун Садыктын ордуна өзүн коюп көрүп, анын жанында ким экенин билди. Баарынан сөздүн күчү кандай салмактуу жана күчтүү. Эми Чекир үчүн келиндин жүзүн көрүү түккө турбай калды. Ушул сөздү угуу үчүн атайын алыстан келгенине өкүнүп, ичинен катуу бушайман болду. Анан эмне кыла алат.

Кабагына кар жаап, түнөргөн булуттай өңү өзгөрүлө түштү. Адамдык сапаты, абийири төгүлүп, ушул жашка келгени ушунчалык катуу сынып көрбөгөнгө Чекир үчүн жашоо кызыксыз сезилип турду. Аттиң, жок дегенде эле Бактыбайдын калмак тилинде безеленип "бирөөнүн ак никелүү аялына көз артпа" деп айткан сөзүнө эле көңүл буруп койгондо, анда азыркы жүлүнгө жеткен сөздү укпайт эле го. Садыктын баамчылдыгына, көтөрүмдүүлүгүнө, чыдамкайлыгына ушул бир ооз сөз менен баа берип, алдыда узап бара жаткан аны кызыга карап койду.

Түнү менен жигиттер шымаланып, жылкынын өңүн казандагы сууга кайнаган ысык арканды аттын денесине ороп, чылкый кара аргымакты чаар түстү кылып коюшту. Ал эми Кулчун саяпкер атты көрүп эле, анын күлүктүгүнө кызыгып, таптоо үчүн үйүнө алып кетти. Чынында эле эми атын ээси эмес, болгон калмактар келсе дагы атты тааный албайт болучу. Садыктын бул ойлогон ою алгач атты көргөндө эле козголгон. Анткени буга чейин дагы мындай ишти жигиттерине далай жолу жасаткан.

Эртеси таң эрте сарала айгыр баштаган бир үйүр жылкыны айдап, эки жигит жолго чыгышты. Бул кезде Садыктын жаш аялы али төркүнүнөн келе элек болучу. Анын келээрин күтүүгө Чекирдин күчү жетпейт эле. Кандай жакшы тилек, бийик ой менен келип, арзыганын бир көрө албай кетип бара жатып өзүнө - өзү сөз берди "эми башы бош эмес аял затына көз артпайм!" деп.

Бекмурза бир күлүктү берип, бир үйүр жылкылуу болушуна албетте Сопу себепкер болгонун эсинен чыгарган жок. Байлыкка кызыкпаган Сопу андан соогат дагы сурап барбады. Эгер барса, Бекмурза куру кол кайтарбайт болучу.

***

Сопу калмак жеринен келгенден бери күткөнү жана эл арасынан издегени бир гана Байгуту болду. Анын ошол эле күнү табылганын уккандан бери көңүлү жайланып, эми ага жолугуу көкүрөгүн өйүп келет. "Кандай болуп чоңоюп, кандай адам болду экен?" - деген суроого жооп таба албай жүргөн күндөрүнүн биринде, Байгуту өзү издеп келип калды. Аны алгач көргөндө Сопу такыр тааныган жок. Бою узун, кара тору жигит келип адатынча кырда олтурганда жанына келип учурашып калды.

Чоочун өзү теңдүү баланын берген саламын, ооз учунан алик алып:

- Кел жигит, кайдан жол тарттың? - дегенде, Байгуту дагы сыр бербей:

- Алыстан. Атайын "сени келди" дегенинен учурашып кетейин деген ойдо ат бастырып чыккам дегенде, Сопу аны бүшүркөй карап:

- Сен жаңылбасам, Байгуту болуп жүрбө? - деп, суроолуу тигилди. Байгуту ушул эле сөздүн айтылышын күтүп турган белем, көзүн бар-бар ирмеп, жүзүн өзгөртүп, тааныдың дегенсип эми кучагын жайып:

- Сопу, мени тааныбай калдыңбы? Экөөбүз бирге уурдалбадык беле, - дегенде, Сопу ордунан тура калып эле Байгутуга боюн таштап салды. Эки дос кучакташып бир топко турушту. Анан гана узун сөздүн учун башташты.

Сөз кенен эт бышым убакытка созулду. Аңгыча үй жактан чакырып калышты. Болбосо дагы канчага чейин олтура беришет эле.

Байгуту, Сопунун келгенин кеч укту. Андан дагы жакадагы иштин бүтмөгү азап эмеспи. Жаңы үйлөнүп, бир балалуу болгонун айтканда Сопунун ички жарасы дагы козголду. Баягы өзү менен бирге ойногон Байгуту минтип балага ата болгону эле арадан канча убакыт өткөнүн билгизип турбайбы. Эки курбу илкип басып үйдү көздөй басып келе жатканда Байгуту:

- Сопу, менин угушума караганда сен калмактар менен тил табышып алып, болгон жердин баарын кыдырып чыкканың айтылып жатат, ушул кеп чынбы? Азыр баардык жерде сени эле кеп кылган эл. Сынчы, табып, чоң молдо болуп кат таанып келиптир деген сымал кулак уга элек сөздөр эл аралап жүрөт. Деги ушул айтылган кептерде чындыктын үлүшү барбы?

Сопу мыйыгынан күлүп:

- Элдин оозун ким тыят. Ар ким укканына сөз кошуп айта берсе, тилде сөөк жок да, айтыла берет.

Алдыдан чыккан Маркага экөө удаа салам берип сөз бөлүнүп калды. Марка учурашкан Байгуту дароо эле таанып, бир саамга үнсүз туруп:

- Байгуту, куш бооң бек болсун, сени үйлөндү деп уктум эле.

- Андай болсун, баса, байке уулду дагы болгом.

- Ой, жакшы болгон турбайбы, карачы, жердин алыстыгын. Уккан эмес экенмин. Баскыла, силерди күтүп калышты окшойт, үйгө киргиле. Досуң келгени конок үйдөн өксү боло элек. Чогуу конок бол - деп, алдыга басты.

Сөз тасмал четинен орун алып олтурганда башталды. Аксаамай:

- Байгуту, сен ырас келген турбайсыңбы. Апаң Шарапат кандай, жакшы жүрөбү? -деди эле Байгуту:

- Мени издеп табам деп бутун оорутуп алып, азыр деле баягы бойдон буту жакшы боло албай жүрөт. Ошондогу окуяны такыр эстегим келбейт.

Эсет кесилген эттен оозуна салып:

- Эгер апаң ошондо сени издеп чыкпаган болсо, сен азыр жаныбызда олтурбайт элең да. Апаңдын буту ооруганы эч нерсе эмес, эң негизгиси сен аман калбадыңбы. Ал эми биз Сопуну издеп барып, аз жерден калмак жеринен кайра кайтпай кала турган болгонбуз. Мунун баары бала үчүн кылган далалат. Ата менен эненин эмгегин баалай билген бул жакшы баланын белгиси.

- Мунуңуз туура кеп. Мен эч качан апамдын ошол эмгегин эсимден чыгарбайм. Ошол окуядан кийин мени катуу кайтарса, азыр небересинин жанына чыкпайт. Калмак дегенди тим эле уккусу да келбейт. Айткандай Сопунун келгенин угуп алып, абдан сүйүнүп, бутунун айынан эле калды, мында келе албай. Андан дагы биз жакта Сопунун дарегине кулак укпаган, ар тараптуу сөздөр айтылып жатат. Колум бошогондо эле мени мында жиберди "Сопунун дайынын билип, учурашып кел" деп. Баарыңарга салам айтты.

Аксаамай күлө карап:

- Апаңа дагы бизден салам айт. Сопу кийин убакыт болуп калса өзү барып учурашып кетээр. Сопу бир саамга жер тиктеп олтуруп:

- Аяш апамдын илдетин мен айыктыра алам. Мен калмак жеринен бир табып менен абдан жакын мамиледе болуп, бир топ нерсени үйрөнгөндөй болдум эле. Ал киши тамыр кармап илдеттин оорусун билип койчу. Менин баамымда аяш апамдын буту катуу кокустап, тилингенде кан менен кошо денеге кир кирип кеткен чыгар. Аны көрүп туруп билип дарылаш керек.

Байгуту тим эле апасынын илдетинин дарысы табылгандай сүйүнүп:

- Сопу эгер апамды айыктырсаң, өмүрүм өткөнчө ыраазы болот элем. Күндүз эч нерсе эмес, түнү сыздатып, кээде ыйлап чыгат, - деди. Сопу дагы ойго алаксып:

- Мен азыр эч нерсе айта албайм, илдетти көрмөйүн.

Эсет сөзгө аралашты:

- Балам, аяш апаң кыйналып жатса, барып кел.

Аксаамай дагы сөзгө кошулду:

- Кап, баягы бойдон эле ооруп жүрөбү. Оорунун азабын тарткан экен. Байгуту:

- Баарына калмактар күнөөлүү. Алардын айынан апам эле эмес, канча кишилер жабыркады. Эгер алар Сопу экөөбүздү уурдабаган болсо, апам оорубайт эле го. Сөз ар тараптуу уланып, не бир түркүн сөздөр айтылды. Билинбегени менен Байгуту дагы бир топ сөзмөр экени билинип калды. "Жакшылардын талашынан сыр чыгат, жамандардын талашынан чыр чыгат" дегендей, бул күнү түн ортосуна чейин кобурашып олтурушуп, не бир түркүн сырлар айтылды, уламыш-жомоктордон бери кеп кылынды. Сопу эмнегедир ушул жолу абдан чечилип сүйлөп, чет элге барганын, ал жакта жашоо шарт такыр башкача экенин, медицина тармагына да токтолду. Күчтүү табыптардын жасаган дарыларына, ар кандай илдеттерди алдына алуу керек экенин түшүнүктүү кылып айтып берди. "Сөздү уккан жерге айт" демекчи, кунт коюп сөз угуп олтургандардын ооздору ачылып калды. Баятан бери көп нерсени уккан Байгуту, Сопунун көргөндөрүн, уккандарына таң калып, суроо бергенди гана билип олтурду. Ар бир сөздүн дагы айтыла турган учуру келет эмеспи. Эмнегедир Сопу келгенден бери айтпаган сөздөр дагы оозунан чыгып кетти. Уулунун далай жерге барганын, уккан Аксаамай:

- Балам, жанагы колунан келгендер ажы болгону барган жерге да бардыңбы? - дегенде Сопу:

- Бир эмес эки-үч жолу барбадымбы. Мен бир гана кыргыз менен калмак тилин эле эмес, фарс тилин, араб тилин, түрк тилин үйрөнүп, дагы көптөгөн тилдерди түшүнүп, жооп бере алам. Бул эми мактаныч эмес, жөн гана билгенимди гана айттым.

Эсет уулуна карап:

- Балам деги сак бол, көздүүнүн көзү, тилдүүнүн тили тийбесин - деди, кыска гана.

Убада боюнча Сопу эртеси Байгуту менен бирге жолго чыкты. Эки достун сөздөрү бүтпөй кобурашып келе жатышты. Жол алыс. Алдыда минген аттары бир калыпта аяк шилтеп жол арбытууда. Бир кезде чоң айылга туш келишти. Бул айылды айланып өтүп кеткенге болбойт эле. Анткени жол ушул айылды кесип өтөт. Эки атчан жолуккан кишилерге учурашып салам берип келе жатышты. Албетте тааныбаган соң ким менен кимдин иши бар. Сопунун бир кезде боз үйдө жөлөнүп олтурган, жүзүнөн нуру өчкөн кишиге көзү түштү. Ал кишинин оорудан кыйналганын көрүп эле билип, аттын башын буруп ага жакын келип, аттан түшө калып учурашты да, тамырын кармап көрүп:

- Сиздин илдетиңиз өтүшүп бара жаткан турбайбы деп, жанына дайым салып жүргөн дарыдан берип, сунушун айтты:

- Сиз бүгүн колуңуздан келсе жаш сорпо ичип, жылуу жатыңыз. Бул дарыны азыр ичип, анан тамактын алдында дагы ичиңиз, кайра келе жатканда сизге жолуга кетем. Ага чейин мен айткандарды жасап туруңуз деди. Жан айласы кетип эмне кылышты билбей турган кесел адам Сопунун берген дарысын алып калды да, абдан ыраазы болду. Анткени өзүн таштап салган болучу. "Айыга турган оорун шыпаасы өзү табылат" дегендей, Сопунун келип кеткени тиги кишинин кабагы ачылып, берген дарыны ичкенде тердеп чыкты. Жаны кыйналып турган киши тердегенде кадимкидей өзүн жеңил сезип, тер менен кошо ичиндеги илдет сыртка чыгып кеткендей эле болду. Дароо кабагы ачылып, жүзүндө нур пайда болду.

Эки күн жол жүрүшкөн соң түш оой Байгутунун үйүнө келип түшүштү. Шарапат жан алы калбай учурашып, көзүнө дагы жаш алып жиберди. Анан эмне кылат. Сопу ал жайды сурагандан соң эле, аяш апасынын ооруган жерин кармалап көрүп:

- Аяш апа, илдет катуу өөрчүшүп кеткен турбайбы. Бутуңуз тилингенде тарамыштарга доо кетип, катуу жараланып калган тура. Эми сиз чыдашыңыз керек. Бул жерди жакшылап дарылабаса болбойт. Дагы жакшы чыдаптырсыз деп, бир чыныдан чай ичилгенден кийин эле ишти баштады.

Алгач денени жумшарткан дары сүйкөп, анан доо кеткен тарамышты бир топко ушалап бир далайга олтурду да качан учуру келгенде, даярдай келген дарысын жаап, кайра таңып койду. Түнү бою уктабай чыкчу Шарапаттын эми жан жай алып, канча күндөн бери түнү уктабаган Шарапат ушул күнү уйкусу тынч болуп, көшүлүп жакшы уктады.

Бул аракетин үч күн жасады да, анан Сопу кайра изине кайтты. Шарапат жөн эле чечекейи чеч боло сүйүнүп, эмне кылып ыраазы кылышты билбей турду. Элден уккан сөздөрү чындыкка жакын экенин даана билди. Эч ойлогон эмес, бул оорусунан Сопу айыктырарын. Канча жыл азап тартты. Эми минтип ал тарткан азаптары артта калды. Эх, жан ооруткан оорунун шыпаасы табылса кандай жакшы. Сопу мындай көңүл көтөргөн көп эле иштерди жасаган. Ал турсун чоң шаарларды көрүп, көзү каныгып калганга майда-барат илдеттерди айыктырганга көзү жетип, илдетке кабылган адамдарды айыктыргандан качпады.

Кайра изине кайтып келе жатканда тиги адам алдын тозуп чыгып, болбой бир күн коноктоду. Сопу айтканды жасап, ал киши дагы оорусунан кутулганга жан алы калбай сүйүнүп, берээрге ашын таппай турду. "Сыйга сый, сыр аякка бал" дегендей, өзү жаш болсо дагы көп нерсеге көзү жетип, элдин оозуна алынып, жакшы аталганына атасы менен апасы да ыраазы болуп, ичтеринен сыр бербей сый үстүндө болушту. Эгер калмактар уурдап кетпеген болсо артында туяк калып, атын чыгарган олуязаада балдар калат беле, ким билет...

Айткандай Сопунун биз балалык гана тагдырына үстүртөн токтолдук. Анын элге кылгын кызматына, алдыны көрө билген олуялыгына, ушул замандын болорун алдына ала мындан эки кылым илгери айтканына, белгилүү инсандар Калыгул бай уулуна, төкмө акын Арстанбек Буйлаш уулуна жана дагы көптөгөн идиреги бар балдарга сабак үйрөткөнү, эң алгачкылардан болуп Кочкорго медиресе салганына токтолсок, анда сөз аягы түгөнбөйт. Айткандай эски адамдар өзгөчө Сопу атанын касиетине ушундай терең баа беришкен. Эгер кийин убакыт болуп, учуру келип калса, анда Сопу атанын кийинки тагдыры жөнүндө кенен токтолуп, изденип жазууга туура келет. Ооба, бул китеп көркөм адабий тилинде гана жазылды. Тарых барактарын чукуп, казып издеп, жылдарды туура келиштирип чындыктан тайбай жазуу үчүн убакыт али алдыда. Айтканга оңой болгону менен Сопу атанын бир кезде элге абдан кадырлуу адам болгонун эсибизден чыгарбаганыбыз оң. Анткени эң алгачкылардан болуп ири-ири өлкөлөрдү кыдырып, жашоонун башкача нугун көрүп, билим алып, кат таанып келгени, андан дагы касиетинин күчтүүлүгүнөн ушул замандын болорун билип койгону эле улуу сөздүн башын козойт. Биз элибизден чыккан чыгаан инсандарыбыздын жасаган иштери менен кабардар боло жүргөнүбүз абзел.

Кымбаттуу окурмандар, эгер биздин каарман азык Сопу ата жөнүндө кимде ким угуп, билгендери болсо анда байланышып коюшуңуздарды өтүнөм. Сиздерге жашоодогу жакшы нерселерди каалайм, азиз окурмандар ылайым китеп менен бирге болгула!

Автор: Бердикожо Бийназаров Таштанбекович.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз