Бердикожо Бийназаров


"Кошуна кыз"


Бул жалганда баарынан кызык жана таттуу кыялга жетелеген жана жүрөккө тынчтык бербеген нерсе, бирөөнү арзып калган аруу сезим экенин ким тана алат. Сүйүү бул беш кайыптын бири болгон "дидар" кайыпка кирет. Анткени ар бир адамдын башка жанды жактырып же арзып калышына дагы дидардын бурулганы себеп болорун эч ким тана албайт. Ал эми насип кайып болсо, бирге даам сызышканда насиптин буйруганы экенин таанып билсек болот. Нике кайып эки жаштын баш кошконуна себеп болуп, тээ илгертен бери келе жаткан адам баласынын жашоосунун уланышына нике кайыптын буйругу чоң себеп экенин айтсак аша чаппайбыз. Бирок, кээ бир жаштар сүйүүгө кабылышып, бири-бирисиз жашай албай калган жашоого туш болгону менен нике кайып буйрубаса, эмне болгон күндө дагы сүйүшкөн эки жаш баш кошо албайт. Бирок, адам баласын акылдан алган сүйүү баары бир, бирин-бири арзышкан эки жаш баш кошпой калганда барктуу бойдон сакталып калганына турмуш өзү күбө.

Айткандай бул жалганда баардык нерсеге жеткенге чейин кызык, анан жеткенден кийин кызыгы тарап, башканы эңсеп калган жашоонун жазылбаган мыйзамы экенин танып да болбойт. Өзгөчө бой мүчөсү келишкен, бышкан мөмөдөй жетилген кыздарга көз артпаган эркек жан барбы? Ошол себептен бойго жеткен кыз көздүн көркү, жашоонун кызыгын тартуулаган жан экенин жашырып-жаба албайбыз. Демек, бул биз кеп кылган "сүйүү" деген неме тээ илгертен бери эле айтылып келе жатпайбы "кары жашка карабаган улуу сезим" деп.

Эмесе сөз өңүтүн Адыгей карыянын кошуна кызга көңүлү бурулуп калганы жөнүндө кеп учугун уласак, айткан сөздөрүбүз супсак болбос үчүн. Бул дагы ириде кеп кылынган "дидар кайыптын бири" деп айтсак аша чаппайбыз.

Айике жаңы гана он жетиге толуп, мектептин акыркы классында окуп, бойго жетип турган кези. Ооба, кечээ эле бир оюндан башканы билбеген, мурдун шыр эткисе тарткан секелек кыз эле. Эми минтип көз жоосун алган, бой мүчөсү келишкен, бир гана боз баш балдарды эле эмес, сакалын сүйрөгөн чалдардын дагы көзүн өзүнө бурган сулуу кыз болуп чыга келди. Айткандай, эркек канчалык карылыкка кадам таштаганы менен жүрөгү жаш бойдон калары анык белем, Адыгей карыя чоң шашкеде кемселин кийип, болор болбос боюна каранып алып, көчөгө чыгып, өз оюу менен алек болуп келе жатып, алдынан чыккан кошунасы Кыдыктын небереси, Айикени мектептен келе жатканын көзү чалып, жүрөгү бир "болк" деп алды. Эмнеге антти ага өзүнүн дагы акылы жеткен жок. Көчөгө көрк берип келе жаткан жаш кызды сугалактык менен карап, сугун артып карап алганга үлгүрдү. Аңгыча жакын келип калган Айике сылык мүнөзү менен учурашканда, Адыгей карыя миңдеген долларды санап жаткансып, болуп көрбөгөндөй сүрдөп кетти да, болгону башын ийкеп жооп берип, сапарын улады. Бирок көңүлү алагды болуп, алдынан чыга калган үрдүн кызындай небереси менен тең Айикени көргөнү болгон дити бузулду. Тээ илгерки Ыраймалынын абалына туш болду. Ооба, бир кезде ал кинону биринчи көргөндө Ыраймалыга сын такканы бар эле "карыганын билбеген акмак" деп. Бирок анда өзү минтип карыганда ашыктык отуна кабыларын билген эмес да. Ошол себептен бул жашоодо бирөөнө сын тагуу болбогон иш экенин анда эсине алган жок эле. Ал турсун алдыга кадам таштап бара жатып Асанкалый Керимбаевдин " Картайган кезде көрүндүң" деген ырын ичинен кайрып алганын, өзү дагы билбей калды. Ооба, чын эле Айикени эрте жаздан бери көрө эле болучу. Каникулда Айике шаарга кеткен. Ал эми өзү жайлоого азыноолак малын алып, кымыз ичкенче деген ойдо кетип, беш айга чукул жакага түшкөн эмес. Эми минтип болгону беш айдын ичинде эле кошуна кыз бойго жетип, көзгө чалынып, тээ илгерки кудум Жантай хандын көзүнө урунган Акмөөрдөй жүрөгүн козгогон жаш кыздын сулуу чырайы Адыгей карыянын жүрөгүн сууруп алып, өзү менен бирге алып кеткендей эле болду. Ойдо жок жерден жолуккан жаш кыздын сулуу чырайы көз алдынан такыр кетпей, канчалык башка нерсени ойлоп, өзүн алаксыткысы келсе дагы барып эле ой учугу Айикеге барып такала берди. Алдынан чыккан Султан курдашы болбосо элдин тагдырын чечкен атка минерлердей, катуу ойго алаксып кете берет беле ким билет. Султан учурашкан соң:


- Ээ, Адыгей, эмне мынча ойго алдырып, сени бирөө капа кылдыбы? - деди. Бул берилген суроого Адыгей жооп бергенге шашылган жок. Бирок, шек бербегендей карап:

- Мени ким капа кылмак эле. Жөн эле өткөндү эстеп. Андан дагы кечээ эле келгем, жакага. Пенсияны сураганча "элде эмне жаңылык бар экенин билейин" деген ойдо көчөгө чыккам. Сен өзүң кайда бастың?

Султан кабагын чытып:

- Бул карылыгың дагы курусун. Арабыз минтип суюулуп баратат. Тиги көчөнүн ары башындагы Тенти каза болуптур, көз көрсөткөнү бараттым эле.

Адыгей чочуп:

- Качан, мен аны эки апта илгери эле көрбөдүм беле. Ка-ап, эмне болуптур? - деди эле Султан карыя:

- Эки апта эмес, кечээ көргөнүң эле бүгүн жок болуп жатпайбы. "Кан басымы жогорулап кетиптир" деп уктум. Жүрү чогуу басып барып көз көрсөтүп келели, милдетибизди аткарып. Абдан жакшы киши эле. Пенсия эч кайда качпайт. Минтип айыл аксакалы болуп, төрдөн орун алып сый устукандын ээси болуп калган кезибизде, ордубузду билип, мындай жерден калбаганыбыз оң. Биздин деле жашоодогу сапарыбыз карып бара жатат. Эски көздөрдүн жолун жолдоп, кийинки муундарга үлгү бололу,-деди. Бул айтылган сөздү укканда, Адыгей карыя абдан уялып кетти. Анткени азыр эле жүрөгүн козгогон жаш кыз жөнүндө ойлонуп, ою бузулуп келе жатпады беле. Уурусу кармалып кала тургансып, шашып жооп берди:

- Барса баралы. Ка-ап! Тенти карыя абдан жакшы киши эмес беле. Ыйманы саламат болсун,-деп, калдастай түштү. Анткен менен аз да болсо сулууну ойлогондон алыс болуп, сөзгө алаксып кетти. Ооба, бул сүйүү жаш кезде келгени эч нерсе эмес, карыганда келгени тозоктун тозогу экенин али Адыгей карыя билген жок.

Убакыт чоң шашкеден ооп калган кезде, үйүнө келип, кара козунун терисинен жасалган көлдөлөңгө жатып, эс алып алуу үчүн башына жаздык коюп, жата кетти. Бирок көзүн канчалык жумса дагы уйкусу качып, оюнан Айике кетпей койду. Анын жылдыздуу күлгөнү, кыпкызыл болгон эринин болор болбос ачып учурашканы, көкүрөгүн тиреген кош эмчеги, ичке бели, ак куунун моюнундай узун моюну, майда таштап баскан кадамы, ботонун көзүндөй жайнаган жагымдуу карагаттай көздөрү көз алдына тартылып, жанын жай алдыра койбоду. Бир саатка чукул ойго жатканы менен ар нерсени ойлой берип, башы ооруп чыкканда, ордунан туруп, эркине баш ийе албай, кошунасынын үйүн көздөй кадам таштады. Эх, сүйүү, айтканга кандай оңой, бирок азабын тартуу эмне деген зор күчтү талап кылат. Миң уктаса түшүнө кирген эмес, өзү үчүн секелек сезилген кызды сүйүп калуу.

Дарбазасы жашыл түскө боёлгон кошунасынын үйүнө кирээрин кирип алып, эмне шылтоо айтууну билбей туруп калганда, Айикенин өз атасы, жашы кырктын экисине жаңы чыккан Урмат салам айтып тосуп алды. Айткандай Урмат жаңы төрөлгөндө, Адыгей өзү ат койбоду беле "Урмат" деп. Эми минтип анын кызын сүйүп калып, күйөөлөп келген жаш уландай тартынып, уялып, ичкери кире албай сүрдөп турган абалы өзүнчө бир чоң сабак кеп. Бирок эч сыр бербестен ичкери кирип, курдашы Кыдык менен учурашкан болду да:

- Ой, кошуна, деги жакшы жатасыңарбы? Үйдө жатып зериккенден мында бастым, - деп, келген жөнүн айтты эле, Кыдык күлүп, келини Жылдызга карап:

- Чай койчу, балам. Кошунанын киришип-чыгышып турганы жакшы эмеспи. Барган сайын заман бузулдубу же эл бузулдубу ким билет? Илгери жакшы тамакты кошунасыз иче алышчу эмес элек. Эми минтип үйгө дагы ээн-эркин киришип чыгыша албай да калдык. Сенин келгениң жакшы болбодубу, эрмектешип олтуралы. И, сүйлө, быйыл жайлоодо мал жакшы эле семирген чыгар? - деди эле, сөз ушул жерге келгенде, жарк эткизе ички үйдөн Айике чыга калды. Кызды көргөндө Адыгейдин көзү жайнап, кулагы эч сөз укпай, талмасы кармаган адамдай жалдырап эле олтуруп калды. Бирок, сыр бербегенге аракет кылып:

- Я, Кыдык, билесиңби, бул неберең баягы биздин жаш кезди эске салды. Кудум бир кездеги, Айымдын өзү, тим эле. Үйдөн чыга калса, "Айым эмне мынча жашарып кеткен" - деп, ойлоп кеттим деди. Айике чын эле чоң энеси Айымга окшош. Бул шылтоону тапканына Адыгей өзү дагы сүйүнүп алды. Кыдык күлө карап:

- Сен абдан туура баамдадың. Айикем бой тартканы чын эле чоң энесинин жаш кезинин нак күзгүсү болуп чыга келди. Ылайым өмүрүн берсин!

Адыгей эми гана билди, эмне себептен Айикеге көңүлү бурулуп калганын. Анткени өзү боз баш бала кезде, курдашы Кыдыктын өмүрлүк жары Айымды түн уйкудан калып сүйбөдү беле. Эми ошол кез кайра кайталанып, анын небересин минтип карыганда сүйүп калганына таң берип, өткөндү эстеп алды.

Айым айылдагы "мен бай" дегендердин бири болгон Ашымдын кызы эле. Буралып басып, болуп-толуп турган кезинде ага ашык болбогон жан калган эмес. Адыгей дагы ашык болуп, бирок ашыктык сезимин ага билгизе албай катуу кыйналган. Анан бир жолу эбин келтирип, талаадан жолугуп калганда, ал ыйлап алыптыр болучу. Эмнеге ыйлаганын сураганда, Айым көзүнө келген жашты аарчып:

- Мага, тиги Сапан карыя ашык болуп калып, сөз айттырып жибериптир. Аны мен эмне кылат элем. "Карыганын билбеген карыган теке" деп, ичине каткан бугун чыгарып ыйлап арызданып арманын айткан. Ошондо дагы Адыгей карыя сын таккан болучу "Кызык киши го, ал деген абышка да" деп. Ал эми азыр өзү ошол Сапан карыянын жолун басып, минтип карыганда Айикени сүйүп калганын кара.

Сөзгө алаксып бир-эки чыныдан чай ичип, эки сааттай убакыт сүйлөшүп олтуруп үйүнө келген Адыгей карыя көп жыл ооруп жаңы сакайган кесел адамдай кабагы салыңкы, бир кезде болгон окуяны эстеди. Сырттан баам салып караган кишиге Адыгейдин бул абалы чоң түйшүк тарткандын белгисин бермек. Негизи эле санаа тарткан ден соолукка зыян. Бирок ашыктыктын санаасы башка санааларга салыштырмалуу жүрөктү эзип, жанды жай алдырбайт эмеспи. Эч кимге сырын айта албайт. Эгер бирөөнө айтып ичиндеги бугун чыгарып алса дагы жеңилдеп калат беле, ким билет. "Айикени сүйүп калдым" деп айтууга кантип дити бармак эле. Соодасы бүткөн сарттай эч нерсеге көңүлү чаппай олтурган Адыгей карыянын кемпири Жибек келип калды, оңдой берди болуп. Мурунку күнү райондун борборуна кеткен, кызынын баласын көрүп келгени. Абышкасынын өңүн көрүп эле Жибек үнүн жогору чыгарып:

- Ой, абышка, деги сага эмне болду? Бир жериң ооруп турабы, кейпиң жаман. Эмне доктур чакыртайынбы?

Бул сөздү укканда Адыгей карыя селт этип алды. Шек алдырбас үчүн ордунан туруп:

- Эмнеге доктур чакыртат элең, мен жакшы элемин. Ушул аялдар баарын баштайсыңар ызы-чууну, кичине нерсени чоң кылып. Аны коюп, кызың жакшы экенби?- деди, сөздү башкага буруп. Жибек эми гана өзүнө келип:

- Жакшы болбогондо эмне. Аны коюп кейпиңди карачы, күзгүдөн. Чоң түйшүк тарткан адамдай болуп, бир күн жок болсом ушул да. Деги айтчы, сага эмне болду?

Адыгей карыя чын эле бул сөздү угуп, сыр алдырбас үчүн:

- Кемпир аны коюп чай берчи, сен жок ичкен чай да курусун. Жибек бул сөздү укканда аз да болсо эрдемсий түштү да, кобуранып чайдын камын көрдү.

Адыгей карыя бул күнү эч нерсеге көңүлү келбей, таңды-таң атканга чейин уйку бетин көрбөй, бир гана Айике жөнүндө ойлой берип, таңга жуук гана көзү илинип, уйкуга баш койду. Анткен менен жакшы уктады. Түшүнө Айике кирди. Балким ал жөнүндө ойлонгонгобу, ким билет. Таңкы наарды таткандан бери эле чоң жыйынга бара тургансып даярданып, сыйда кийимин кийип, атайын Айике сабактан келе турган учурда, алдын тосуп чыкты. Эмнеге антти, өзү дагы билбейт. Тээ алыстан эле анын келе жаткан караанын көргөндө, денесин майда калтырак басып, көз ирмебей карап турду. Тим эле үрдүн эле кызы. Мынчалык сулуу жан бул дүйнөдө болбосо керек. Ар бир баскан кадамы, кийген кийими, күлгөндөгү чырайы деги койчу, сөз жетпеген сулуулукту бир гана Айикеден көрүп, тамшанып карап турду. Ал жакындаган сайын Адыгейдин шаштысы кетип, бул бактылуу мүнөттөрдөн алыстагысы келбей, убакыттын токтоп турушун ичинен миң мертебе тилеп жиберди. Аңгыча эле жанына жакын келген Айике өзүн телмире тиктеген Адыгей карыяга ооз учунан учурашкан болду да, жанынан аста басып узап кетти. Курган кыз эч нерсени билген жок. Ал эми Адыгей карыя кызды узата карады да, үйүн көздөй илкий басты. Жүрөгү калыбынан чыгып кетчүдөй бат-бат согуп, кан басымы көтөрүлүп дагы кеттиби, ким билет. Сүйүү бул адамды акылдуу да, акмак да кылып саларын Адыгей ушул саам билди. Анткени, азыркы жасаган иши акмакчылык эмей эмне. Минтип карыганын билбей жол карап, жол тосуп, сулуунун чырайына арбалып, жаш балача кыялга жетеленгени, кыздан көзүн албай караганы кантип өзүнүн деңгээлине жарашсын. Эч нерсеге көңүлү чаппай, кабагына кар жаап, жер караган тейде келе жатканда алдынан кемпири Жибек чыгып:

- Абышка, деги сенин дени кардың сообу? Эмне мынча тиги кенедей кызды көзүң тешилгенче карадың?! - деп, бир башкача көз караш менен карады. Бул суроонун берилишин күтпөгөн Адыгей карыянын оозунан сөзү түшүп, бир саамга тилин жутуп алгынсып далдырап эле туруп калды. Кемпиринин берген суроосуна жооп бербесе да болбойт. Аттиң, эч элес албаптыр, кемпири минтип байкап калаарын. Ушундан көрө жер жарылып кирип кетсе гана. Сакалы куудай болуп туруп, жаш кызга көз артканын жок дегенде өмүрлөш жары билбесе эмне. Адигей карыя кемпиринин берген суроосуна жооп бергенге шашылган жок. Бирок дароо жооп таап кетти:

- Кемпир, бул жашоодо окшош адамдар көп болот тура. Мен тиги Айикени көрүп алып, эсимен танып кала жаздадым. Менин көзүмө ал баягы Айымдын жаш кезиндей көрүнүп кетпедиби. Тим эле чоң энесинин эле көчүрмөсү. Эгер ишенбесең өзүң деле байкап көрчү. Ушундай дагы окшоштуктар болоруна таң калып, ага жооп таба албай карап калдым. Бул сөздү укканда Жибек эми гана Айикенин чын эле Айымга окшош экенин элес алды. Бир чети абышкасы дагы жөндүү сөз айтты. Ооба, Айым экөө жаш кездеринен бери жакшы курбу болуп келишти. Азыр ал ден-соолугуна карап шаарда. Айылдын абасы бийиктик кылып, айылга келе албай калган. Анткен менен карылыкка деле моюн берчүдөй эмес.

Адыгей кемпиринин суроосунан кутулганына сүйүнгөнү менен эми ага шек бербеши керек. Болбосо чоң чыр чыгышы турган иш. Анын себеби тереңде. Анткени Жибек абдан кызганчаак жан. Кызганчаактыгынын айынан канча жолу ортодо жаңжал болду. Көрсө бул жашоонун арабасын тартыш дагы өзүнчө бир түйшүк белем. Жибек менен үйлөнгөнү деле кыз-келин дегенди ойломок турсун, кызыгып карап койбойт. Кичине эле кылт этсе болду Жибек чыгат "эмне ал келин менден сага артык көрүнүп кеттиби" деп. Болбосо ачык эле айтат "аны танда же мени танда" деп. Эгер Жибек эркек болуп жаралып калганда анда аял түтмөк эмес болуш керек, кызгана берип. "Жаман аял эр коруйт, жаман эркек жер коруйт" деген сөздү да айтып көрдү, бирок эч тыянак чыккан жок. Бир жолу Айымга сөз менен тамашалап тийише коём деп, бир балээге калган. Ошондон кийин деле аял аттуудан боюн алыс тутуп калган.

Эгер азыр Адыгей бул ойго келбеген шылтоону айтпаса, анда Жибек карыганын билбей чоң чыр чыгарышы толук мүмүкүн болучу. Бирок эми мындан ары кантип эбин келтирип, Айикени көзү көрөт. Аттиң, жок эле дегенде кемпири эле тоскоол болбосо, күндө анын жолун тосуп чыгып, келбетин көрүп андан канагаат алып турат эле го. Бул ашыктык сезимди башкара албасына көзү жетип эле турат, бирок кантип ашыгына жетет? Эгер Айикеге сөз айттырса, анда бүт айылга шерменде болушу турулуу иш. Балдарынын, кыздарынын, жездекелеп турган кайындарынын бетин кантип карайт. Аягы жок ойлорду ойлой берип, баштагыдан дагы кейпи кетип, кырк күнү суу ичкен адамдай абалга келди. Баягы күндөн бери Жибек, Айике сабактан келээр убакта Адигейди аңдыганга өткөн. Аны сезип калган Адигей ошол кезде атайын ички үйгө кирип жатып алат, аялынын санаасын тындырыш үчүн. Мунун себеби кызганчаак аялы бир нерсени сезип калды. Болбосо "мынчалык аңдыбайт эле" - деген ойго келди. Ооба, аялы Жибектин бир гана жаман сапаты, башы менен бирге кете турган нерсеси, ал ашыкча кызганчаактыгы. Болбосо башка жагынан кынтык тапканга болбойт.

Бир кезде Жибекти деле жактырып, артынан чуркап жүрүп алган. Айымга жетпей калган соң, коңшу айылга барып калып көзү Жибекти көрүп калды. Бирок анда Жибекке анча деле көңүл бурган эмес. Баары буйруктан да. Ошол күнү кечинде айыл четинде акчөлмөк оюну болуп, кечки оюндан таанышып калган. Алгач эле Жибектин шар мүнөзү анан улам эле тигиле карай бергени көңүлүнө жага түштү. Бир кезде анын иниси келип чакырып кеткенде, Адигейге абдан ыңгайсыздык пайда болуп, бир гана Жибек жок оюн кызыксыз боло түшкөн. Эртеси анын үйүн акмалап, качан сууга чыкканда алдын тосуп чыгып жакындан таанышып, ошондон кийин атасын жиберип куда түшүрүп анан алган.

Эми андан бери мына кырк жылдан ашты. Кырк жыл эмне деген убакыт. Ушул жашка келгенде чын эле кыз сүйгөндү ага ким коюптур Бирок сүйүү деген неме кары-жашка карабаган нерсе экенин жашырып болбойт эмеспи. Бир жагынан баарына өзүнүн оозду керип сын такканы түрткү болдубу ким билет? Болбосо минтип ашыктык илдети менен карыган кезинде оорубайт эле.

Денеси үйдүн ичинде жатканы менен болгон ой тилегин Айике ээлеп алып, алты айласы кетип, арзыганы көзүнөн учуп, аны бир жолу эле өз көзү менен жылмайган элесин көрүп койсо болду эле.

Ооба, чынында бир кезде нак ушундай ашыктык азабына кабылып, ашыктыктын айынан уйку бетин көрбөй, даамдан табити кайтып наар албай калбады беле, бир гана ой-тилеги, санаасы Айым болуп.

Айым ак жуумалдын сулуусу, көзү чалган эркек жандын жүрөгүн ээлеген, көзгө урунган чырайы бар ургаачы жан болучу. Айым бойго жеткени эмне деген гана эркек тааналар көз артпады. Алардын алдыңкы сабында Адыгей өзү бар эмес беле.

Айым деген сөздү укканда түн уйкусунан ойгонот, таза сезим, таза тилек, таза ой менен берилип ашык болуп, берилип арзып калганын тана албайт.

Бир жолу Айымдын алдын тосуп чыгып, камдап алган сөзүн таппай калып, абдан катуу уят болгон. Чынында эле сулуунун алдында кимдер гана баш ийбеген. Атаганат, бул жалганда сулуу кыз баардык баалуу нерседен кымбат турат белем. Учурунда Айымга ашык болуп, орто жашап калган эле киши илгерки тай туяктай уютулган алтынды алып келип, атасынан колун сураган күн да болгон. Ал эми Сапан карыянын жоругун уккан адамдар жерге түкүрүшпөдү беле. Эми ошол карыянын изин басып, минтип Адигей карыя дагы ойго келбеген ашыктык сезими менен ооруп өңүнөн азып, жапа чегип, ичинен гана сызып, шыпты карап жатып ойлоп койду " ушул мени кыйнаган сезимди бирөөгө айтып, жеңилденип алсам кандай жакшы болот эле" деп. Бирок, кимге айтат. Минтип союз тарап, демократия деген неме элдин баарын ачык ооз кылып салганда, чын эле учурда аял ушактан эркек ушак күч алып, ар ким тилин тишине гана катып калган кез. Болбосо, баягыдай сыр ката билген кез болгондо анда тиги Бөкөй курдашына айтпайт беле, бул кылыгын. Анткени ал дайыма бир нерсе болсо келип кеңешип кетет. Ага көп эле жолу жакшы кеңештерди берди. Бирок ал минтип ашык болуу жөнүндө эч сөз айткан жок да. Чынында Бөкөй оокатка бүйрө, жоктон барды кылган иштемчил анан элге көп аралаша бербеген жагы бар. Айтмакчы азыркы кээ бир карылардын жоругуна ичи чыкпай келет. Бул жалганда бир чети Бөкөйдөй болуп тынч жашаганга эмне жетсин. Беш уул, эки кызы бар. Баары ордун таап кеткен. Колуна улуу баласынын ортончу уулун алып алган. Бөкөй дайыма Адыгейге малдарын сынатып, кайсы малы семиз экенин сурап кайрылат. Мунун себеби Адыгей мал менен аралашып калбадыбы. Малдын жайын жакшы билет. Эми ага "мен ашык болуп калдым. Эмне кеңеш бересиң?" деп кантип барат эле. Эгер бул ойун айтып барса, ал тилдеп үйүнөн кууп чыгышы турган иш. Анткени анын кырс мүнөзүн айыл ичиндегилердин баары билет.

Чалкасынын өз оюу менен алек болуп жатканда сырттан Жибек кирип:

- Абышка, бас тамак ичели. Деги сага эмне болгон? Ооруп жатасыңбы? Андай болсо шаарга барып, баарын билген чоң доктурга көрүнүп кел. Мен кызың менен же уулуң Эркинбек менен байланышайын.

Бул сөздү укканда Адыгей көзүн ирмеп алып, анан:

- Мейли, кемпир. Эмнегедир эле шалдырап, эч нерсеге көңүлүм чаппайт. Башым ооруп салмактанып эле, кара көңүл болуп жатам. Балким күч-кубат берген дары алып, доктурдун кеңеши менен дарыланбасам болбойт го, - деди эле, Жибек башын ийкеп:

- Абышка, деги аман эле жүрчү. Канча жыл бирге жашап, минтип карып, балдардын чайын ичээрде, "оорудум" деп мени коркутпачы. Эртең эле сени шаарга кетирем. Адыгей ушул жерден кемпирин аяп кетти. Себеби анын алдында күнөөлүү экенин кантип танат. Ким эле Жибектей болуп өзүнө кам көрүп жатыптыр. Анын ар бир айткан сөзүнүн артында эмне деген сөз жатат. Анан минтип калп ооруп, доктурга көрүнгөнү барганга ниет койгонуна ичинен эзилип кетти. Бир чети шаарга барып алаксып келбесе да болчудан эмес. Бул ашыктык илдети менен жаш кезинде ооруса, баштагыдай ал илдет минтип ак сакал аталып калган кезде кайра кайталанганына жооп таба албай азаптанууда.

Тасмал четинен орун алып олтурганы тамакка табити тартпай, Жибектин гана көңүлүн сыйлап, өзүн кыйнап, кара күчкө тамак жемиш болгону менен дитин эзген ой жанын жай таптырбады. Бир кезде Жибек сөз баштады:

- Абышка, деги айтчы сага эмне болду? Балким айылдык врачты чакыртып, кан басымыңды ченетип көрөйүнбү? Кейпиң жаман. Эмне мынча кыйналып жатасың. Деги айтчы, кайсы жериң ооруйт? - деди чын дилинен жан тарта. Адыгей бир саамга берилген суроону жоопсуз калтырып анан:

- Жибек, мен азыр жакшы элемин. Билесиңби, минтип дүйнө жүзү булганып, адам укпаган оорулар чыгып жатат. Анан мен кайсы оору менен ооруп жатканымды кайдан билем. Аны тиги шаардын эле доктурлары жаңы чыккан аппараттары менен билбесе, бул айылдык врачтарың эмнени билет эле. Чынын айтсам мага азыр баарынан бир гана тынчтык керек болуп турат. Эч ким менен сүйлөшкүм да келбей, жаным эле жер тартып, жаткым эле келет, - деди. Сөз ушул жерге келгенде сырттан булуттан чыккан айдын жарыгындай жарык берип, күтүүсүз жерден Айике кирип келсе боло. Аны көргөндө Адегейдин көздөрү жайнап, жүзү өзгөрүлүп, кабагы ачыла түштү. Бирок сыр бербеген болуп, жанына коюп алган жаздыкка чыканактап жатып, тетири караган болду. Анын дагы себеби бар. Жибекке ушул жерден сыр алдырбаш керек болучу. Айике коңгуроодой үнү менен учурашкан соң:

- Жибек апа, сиздерди кечинде тамак ичип кетсин деп айтты. Шаардан чоң апамдар келишкен.

Бул сөздү укканда Жибек суроолуу карап:

- Айымдар келдиби? - деди, үнүн жогору чыгарып. Айике үнсүз башын ийкеп, өзүн тигиле карап жүзүн тартып алган Адигей карыянын көз карашынан бир сырды байкады да, көзүн жалтаңдатып:

- Ооба, Адыгей ата экөөңөр тең келгиле. Чоң апам "болгон кошуналарга чай берем, айылды сагындым" дегенинен эле баары күтүүсүз болуп калды.

Чынында эле Айике анын баарын айтпай деле койсо болмок. Адыгей карыянын төшөк тартып жатканы, кудум илдет адамдай көзүнө көрүнүп кеткен үчүн "келбей койбосун" деген ойдо айтып жиберди. Андан дагы чоң атасы Кыдык кеп кылган болучу жаңы эле "Жибектен уктум, Адыгей ооруп калыптыр. Ал келе албайт го" деп. Айым бул сөздү укканда кейип "кап, карыганда адам баласы тез ооруга кабылганы да бар. "Айике, Адыгей эгер басып келе алса, келип кетсин" - деп айткан болучу. Ошол себептен басым жасап айтты "Адыгей ата экөөңөр тең келгиле" деп. Адыгейге, Айикенин бул айткан сөзү такыр эле жаккан жок. Анын "Адыгей ата" деп басым менен айтканы тим эле кулагына ушундай бир жагымсыз угулду. Мунун себеби көңүлү түшүп, азапка салган жүрөгүнүн ээси "ата" деп айтып жатса, кантип жактырат. Айике чыгып кеткенде Адыгей сыр бербестен:

- Жибек, ал жакка сен өзүң эле барсаң кандай болот? Менин көңүлүм чаппай турат, жаным жер тартып! - деди эле, Жибек жактыра бербеген жүз менен карап:

- Сен жалгыз үйдө калганда эмне кылат элең. Ансыз деле кечке жатып жамбашың дагы талыса керек. Адам баласы оорудум деп жатып, ооруну бага берсе оору дагы кетпей жабышып алат. Элге аралашып, өзүңдү алаксытсаң боло? Бул сөздү укканда Адегей башын ийкеп:

- Кемпир сен абдан туура сөз айттың. Илдетти дагы басып жүрүп жеңген жакшы. Тээ илгери чоң атам айтып калчу эле "оору дагы жалкоо анан жалакай адамга тез келет" деп. Басып жүргөнгө эмне жетсин. Баса сен анан үйүнө барганда жакшылап байкап, Айике менен Айымды салыштырып көрчү, экөө эки тамчы суудай окшош.

Жибек чыныдагы чайын ууртап:

- Чын айтасың. Азыр Айике сырттан кирип келсе "Айым эмне жашарып кеткенби?" - деп ойлоп коём. Айым чын эле кыз кезинде абдан чырайлуу экенин укканым бар. Кыдыкка тийип, төрөп түшкөнгө чейин эле чырайлуу болуп жүрбөдүбү. Деги эле аялы сулуу эркектерге боорум ооруйт. Айым эрге тийгенден кийин дагы канча эркек көз артпады. Баягы билесиңби, суунун аркы өйүзүнөн башкарма болуп келген Сагынбайды. "Айымды көз көрүнө эле, Кыдыктан ажыраштырып алам" деп чыкпадыбы. Бир гана өкмөт менен партиядан гана коркту. Болбосо, кызматына таянса алып деле коймок.

Адигей муну укпаптыр. Тим эле жакшы кабар уккансып:

- Ошондой болду беле? Мен аны укпаптырмын.

Айым көзүн жүлжүйтүп, бир нерсени эстегендей болуп:

- Ооба, сен анда сыртка кеткен болчусуң, мал санашканы. Башкарма Сагынбай ортого алгач Сайраш жеңени салып, андан соң Багыш карыяны салып айыл ичи укмуш болгон. Айым төркүнүнө кетип калып араң дегенде башкарманын сунушунан кутулган. Кыдык "башкарманы жоготом" деп инилери менен катуу чыр салып, акыры ортого милиция түшүп анан тынчыган. Эгер илгерки заман болгондо Айымды, Сагынбай башкарма мансаптын күчүнө салып да болсо алып коймок. Бул ашыкча сулуу болгон аял кишинин тарткан азабы экенин жашырганда эмне. Чынында эле Айым учурунда укмуш сулуу жан болгонун жашырып болбойт.

Адигей карыя бир саамга үнсүз олтуруп:

- Ошондой де, кемпир. Демек, Айымга башкарма дагы көз арткан турбайбы, анда. Сен абдан туура сөз айттың. Аял кишинин чырайлуу болгону бир жагынан карасаң жакшы, жаман жагы тийген күйөөсүнүн кызганганы билинбей мите курттай жеп салат. Уктуң беле, тээ илгери Көксулууну деле тийген күйөөсүнөн Жеңижокко ошол аймактын болушу ажыраштырып алып бергенин. Бул жалганда жабышкан илдеттин дарысы табылат, бир гана ашыктык илдетинин дабаасы табылбайт. Ашык болуп, ал илдетке кабылган адам башкарма Сагынбайдай болуп ар намыс, уят дегенди билбей, бир гана ашык болгон жанды гана эңсеп, ага кандай жол менен болсо дагы жетүүгө болгон аракетин жасайт. Жүрөк эмнени эңсесе, анын эңсөөсүн аткаранга далалат кылгандар болгон жана боло берет. Мисалы эртең менен ичкиликке берилген киши эмне болсо дагы баш жазганга акча табат. Анткени болгон дитин бир гана ичимдик ээлеп алгандай, ашык болгон жандын дагы аракети, жүрөгүнө тынчтык бербеген адамга жетүү болуп калат деп, аз жерден өзүнүн айыбын ачып ала жаздады. Тим эле ашыктык жөнүндө кеп учугун козкогондо, ар бир айткан сөзү аркылуу Айикени эстеп, ага болгон арзуусу, ичтен жеген санаасы, кусалыгы сыртка чыгып жаткандай сезилди. Жибек таамай айтылган сөздөрдү угуп олтуруп, абышкасынын мынчалык берилип сүйлөп, сөзмөр болуп калганына таң берди. Кудум ашык болгон адамдай жан алы калбай, шапылдап даабат айткан азыркы таксырлардай дем албай сүйлөгөнүнөн шек алган Жибек сынап бир топко карап туруп:

- Абышка, бул сен деги бирөөнө ашык болуп калгандан алыссыңбы? Тим эле илгерки Олжобай, Кишимжанга ашык болгондой берилип сүйлөп, ашыктык сөзү оозуңдан түшпөй калыптыр да.

Адыгей дагы сыр алдырып койгонуна ичинен өкүнүп алды. Бул жалганда чынында эле тилдин азабын кимдер гана тартпаган. Ашыкча сөз сүйлөп алганын эми гана билип, эми гана таназар алып, ойго чөмүлө түштү. Айикеге ашык болгону үчүн алгач аялынын алдында алсыз болуп, колуна куш кондурууга кудурети жетпей, карылык бир жагынан басынтып, ашык болгон күндөн бери сары-санаа, убайымга батты. Ушул жашка келгени экинчи жолу жүрөгүн бийлетип, бир эмес эки жолу минтип ашыктык азабын тартты. "Ашыктык ушунчалык таттуу болот, болгондо дагы наз кылып азгырып өзүнө оп тартып алат" - деп бир кезде ойлогон эмес. Ооба, аялы Жибекке деле ашык болгон, бирок ага жеткенден кийин ага карата болгон ашыктык санаасы унутулуп калганы чын. Эгер Жибекке дагы жетпей калган болсо анда, ага карата болгон арзуусу дале да болсо жүрөгүндө жашай берет беле ким билет. Кусасы арылбай, кумары тарабай азыр да ойго алаксып туруп, ойлогону Айике. Уктаса түшүндө, ойгонсо өңүндө да бир гана: Айике, Айике, Айике... Бир жерди теше тиктеп талмасы кармаган адамдай сөзгө келбей туруп калган, Адыгейдин кулагын кемпиринин ачуу сөзү ой чүмбөтүнөн бошотту:

- Абышка, деги сен соосуңбу? Айтчы, эмне болду, эмне мынча мени эзесиң? Ачыгын айт, сен ашык болгон немени алып берип жаным тынсынчы деги, сөзгө келчи?! - деди. Адыгей эми гана өзүнө келип:

- Кемпир сага эмне болду? Эмне мен сага бирөөнө ашык болуп калдым деп айттымбы? Обу жок эле эмне опуруласың?! Ушул жашымда аял алгыдай мен акыл эсимден оогон жокмун. Аял алчу киши баардык жагынан аял алганга даяр болуш керек. Эл укса эмне деп айтат. Албуутугуңду кармата көрбө! Керек болсо мен башка аял эмес, сени толук эркек катары бага албай турган кезде, ойго кебеген сөздү айтпачы. Илгери байлар гана карыганда төшөк жаңырткан. Ал кезде аба ырайы, ичкен жегени таза болуп, жасаган иши, ой-санаасы ордунда болгон жана телегеийи тегиз абышкалар гана жаш аял алган. Мага азыр аял эмес, ден соолук керек. Жаным жер тартып турганда кайдагы сөздү айтып, башты чагасың да. Балдарың менен кыздарың укса эмне дейт?

Жибек абышкасынын ар бир айткан сөзүн аңдап угуп, талдап көрүп, ашыкча сөз айтып алганын билип, жоошуй түштү да анан кейпин бузуп:

- Билбейм, деги буга чейин минтип ашыктык жөнүндө бир ооз сөз оозуңдан чыкчу эмес эле. Мен сенин ар бир айткан сөзүңө карап ошого жараша гана сөз айттым, - деди да, таарынган түр көргөзүп тетири карап чайын ууртаган болду. Адыгей карыя чын эле тилинен жаңылганын кеч билип калды. Сөз андан ары уланган жок. Бирок акылдуусунуп айткан сөзүнө жана актанганына өзүнүн ичи такыр жылыгандай болбоду. Бир жагынан Жибектин баамчылдыгына баа берди. Чынында эле өзү ички жараны козгоп алганын билип туруп актанганын ашыкча сезип, бир жерди теше тиктеп ойго алаксып кетти. Бирок кантип жана кимге ичинен жеген санаасын жана арманын айтат. Кыйшая жаткан калыбында Айикенин кирип келгенин дагы эстеди. Аттиң ал жок дегенде өзү жалгыз жатканда кирип келсе эмне? Анда аны моокуму канганча карап, болгон элесин көз алдына сактап калбайт беле. "Сени сүйүп калдым" деп айтпаса дагы, арзуусун көз карашы менен билгизе алат эле го. Жүрөк титиреткен чырайына арбалып, кетирбей кармабайт беле. Ушул сулуу жанды төрөп койгон тиги келинге баа берди. Чынында төрөгөн апасы анчалык деле чырайлуу эмес. Анан кантип жана эмне болуп мындай чектен сырт сулууну төрөп, багып өстүрүп койгонуна таң берди. Тээ бала кезинде кулагы чалган эле "сулуу кыздардын бактылуу болушу чанда" деп. Анткени, "сулуу кыз турмушка чыккан менен күйөөсү ар кимден кызгана берип, азабын берет жана көзү түшкөн эркек тананын баары тийише берип нак азапты колуна берет" деп. Бул сөз чынында эле абдан туура айтылган жана турмуштан алынганын танып болбойт. Сулуу кыз көздүн көркү, жашоонун шаңы экенин өзү деле билип, минтип сулуунун алдын тосуп чыгып, чырайын бир көрүп алганга умтулуп жатканы эле эмне деген сөздү айтып турат. Адыгей башын мыкчып, баягы эле ашыктык санаасынын сазынан чыга албай, ойго алаксып жатканда аялы Жибек жаман көзү менен карап:

- Абышка, эмне мелтирейсиң? Сен мени эч качан алдай да албайсың жана менден эч нерсени жашыра албайсың. Менин жүрөгүм сезип эле турат, сен бирөөнө ашык болуп калганыңды. Сен ооруган жоксуң, жөн гана сезимиң сени кыйнап жатат.

Адыгей эч сөз укпаган адам болуп, эч сөз кошкон жок. Бир нерсе айтса эле сөз ырбап кетчүдөй сезилип, ачуусун ичине жутуп, карманып жата берди. Аял да, Жибек ансайын берилүү менен дагы жүлүнгө жеткен сөздөрдү айта баштаганда гана Адыгей карыя ачуулуу көз менен карап, сез көрсөткөн болду. Ооба, чынында эле Жибек эч качан минтип абышкасына катуу сөз айткан эмес. Бирок бирөөнөн кызганганда гана ушундай адаты кармап калат.

Убакыт келип, чакырган жерге барарда Жибек жоошуп, үнүн жай чыгарып:

- Абышка, кийинбейсиңби, чакырган жерге баралы, күттүрбөй, - деди эле, Адыгей жаман көзү менен карап:

- Барбайм, карыганча мени кызганып жатып акыры жеп тынмай болдуң! Деги кайсы кара теке сүзгөн күнү сага жолуктум экен. Болбогон нерсеге эле чарылдап калпты, чынды билбей эле чырылдай бересиң. Бар, бара бер! Тынчыраак олтуруп кел. Барсам Айымдан дагы кызганып, келгенде мите курттай жейсиң? - деди. Жибек ушул сөздөрдү укканда гана ашыкча кетип калганын билип, эч сөзгө келбей сыртка чыга жөнөдү. Адыгей карыя ички үйгө кирди да, кайра салынуу төшөгүнө жаткан бойдон Айикени эстеди. Эстеген менен ага жетүүгө такыр жол жок экенин дагы бир жолу талдап көрдү. Кызганчаак Жибек эгер ал секелек кызды жактырып калганын билсе анда эле иштин бүткөнү, ичине эч сыр сактап кала албай, жаамы айыл элине айтып чыгышы турулуу иш. Аттиң, жок эле дегенде Айике турмушу бузулуп келген келин эле болсо эмне. Анда баарына кайыл болуп, аны көз көрбөгөн жакка ээрчитип кетип калбайт беле. Кечтин киргенин билгизип, терезеден түшкөн жарык улам алсыз болуп караңгы тартып бара жатты. Адыгей карыя чепкенин желбегей жамынып сыртка чыкты да, көчө тараптагы жыгач олтургучка көчүк басып олтуруп, Кыдыктын үйү тарапты карады "Айике көрүнүп калабы" деген илгери үмүт менен. Жүрөгү тилинип, санаасы санга бөлүнүп, конокко барбай калганына өкүндү. Айымды көрүп, андан Айикенин элесин карегине сактабайт беле. Бир жагынан барбай койгону дагы туура болду. Анткени дагы тилинен чалынып, сыр алдырып коёт беле ким билет.

*******

Убакыт өз нугунда өтүп, кыш мезгили дагы келди. Биринчи кар жаады. Кар менен бирге айлана ак түскө боёнуп, сууктун илебинен бактарды бубак басып, суу тоңуп, балдар чана тээп ойноп жүрүштү. Айике боюна жарашыктуу ак пальтосун кийип, сабактан келе жатканда алдынан Адыгей карыя чыкты. Сулуунун көз тайгылткан турпатынан карыянын көзү жалтанып, тик карай албай жүзү албырып, кудум жаш жигиттей уялып жер карады. Анткен менен көзүнүн кыйыгы менен арзуусун уурдана карап, анын салам беришин ичинен тымызын күттү. Эх, эгер жаш болгондо эмне, анда алдынан тосуп чыгып, өзү алгач учурашпайт беле. Келбети карыган менен жүрөгү жаш бойдон калган карыя өзү күткөн жаш кыздын берген саламын алик алып, аны ушундай бир мээримин төгө карап:

- Айике окууларың жакшыбы? - деген болду, сөзгө тартып. Кыз жарашыктуу үнү менен жадырай карап:

- Жакшы, - деген болду да, анан кадамын майда таштап жанынан узап кетти. Сулуунун үнү, кыймыл аракети, көз карашы, сулуу чырайы, ал турсун бетиндеги кичине чуңкурчасы карыянын көз алдына тартылып, өчпөгөн оттой болуп кала берди. Ушул нерсе үчүн атайын кыздын алдын тосуп чыкпады беле, курган карыя. Аялы Жибек шаарга кыздарына кеткенден пайдаланып, эч корунбай минтип эки күндөн бери жол тосуп чыгып жатканын кыз деле анча аңдабады. Кыздын назик үнүн эске албаганда да көз карашы, бой мүчөсү тим эле чыгаан сүрөтчү келиштирип тартып анан кол менен жасап койгондой го чиркин. Адыгей карыя эми ойго алаксып, көчөнү көздөй жөнөдү. Бүгүнкү болгон жашоодогу жетишкени, арзыганын бир көрүп алганы болду. Ушул аз убакыт үчүн үйдөн жасанып чыкпадыбы. Болгон аракети, жасанганы бир гана Айике үчүн экенин жашырып болбойт эле. Сакалын тегиздеп, кийген киймин бир сыйра карап, күзгүнүн жанында эле канча турду. Баам салып карасак ар бир жан, эркекпи же аял затыбы, жактырган адамы үчүн ашыкча жасанат эмеспи. Адыгей карыя дагы канча убактысын ушул мүнөттөргө арнады. Анын жасанганын тиги курган кыз билген деле жок. Колунан келишинче карыя жашарганга аракет кылды, бирок эми кайдан жана кантип жашарат эле. Бул жашоодогу бир кызык учур ушул эмеспи. Арзыганы үчүн жасанып, мүшкүл тартуу. Канчалаган бозойлор, канчалаган селкилер тээ илгертен бери жолугушуу үчүн жасанып, алтынга тете убактыларын коротту. Адыгей карыя кыйшая басып, чоң көпүрөгө келди. Ооба, ушул жер айылдын борбору. Көпчүлүк айыл эли ушул жерге келип чогулушат. Анткени көпүрө айылдын кудум ортосунда жайгашкан. Эки жакты карап, аз да болсо өзүн алаксыткысы келип турган Адыгей карыянын өңү кер сары тартып, карылыкка моюн сунуп калгандай элес берет, баам салган кишиге. Убакыт алга жылган сайын жаңы эскирип, жаш карылыкка жакындаары анык иш. Бирок көр оокат, аягы түгөнбөгөн жумуш менен алек болуп, көпчүлүк кантип карып калганын билбей калгандай, Адыгей карыя дагы өзгөчө ашыктык азабына кабылган келбетинен карылыктын белигиси даана байкалып турду. Аңгыча эле жанына шаарда жашаган курдашы Медалбек карыя келип калды. Эки карыя абдан жакшы маанай менен учурашкан соң, алгач эле Медалбек карыянын айткан сөзү бул болду:

- Курдаш, эмне мынча өңүңдөн азып алгансың? Эмне ооруп жүрөсүңбү? - деп суроолуу карады эле, Адыгей карыя башын ийкеп:

- Аны өзүң көрүп турбайсыңбы. Андан көрө кеп кылчы шаарда жашоо кандай, эмне жаңылык бар? - деп, жүзүн тартып алып, жалтактай түштү. Медалбек колун шилтеп, жактырбаган жүз менен карап:

- Шаар эмне, жатат, баягыдай эле, түтүн жыттанып. Алдамчылар алдоо менен алек. Бул көпчүлүк болгон жерде булганыч да болот эмеспи. Айылга келгенде мен өзүмдү адам баласындай сезип кетем. Дегеним айылда баары таза жана сүйлөгөн сөз өтүмдүү. Адыгей кабагы салыңкы:

- Айылда деле бар шаардан келген алдамчылар. Беш күн мурун кошунанын кызы эртең эле берем деп эки миң сом алып кетти эле, али күнчө жок. Ал кыз шаарда турат. Мен ойлоптурмун шаардын эли "маданиятуу болот" деп. Медалбек каткырып күлүп:

- Кайдагы маданият, кайдагы тазалык. Ажо баш болуп эки сүйлөп калган бул жашоодо эч кимге ишенип болбой калды. Керек болсо экөөбүзгө окшогон чалдар саунага барып, неберсиндей болгон кыздарды кызылдай акчага сатып алып, карылык сөөлөткө доо кетип жатканын көзүң менен көрсөң, төбө чачың тик турат. Бул сөздү укканда Адыгейдин көздөрү жайнап, таң калганын билгизип, оозуна сөз келбей:

- Медалбек, сен чын айттыңбы деги? -дегенге араң жарады. Медалбек колун дагы шилтеп:

- Чын айтпаганда эмне, оюмдан чыгарып жатыптырмынбы. Керек болсо азыр шаарда келин-кыздар эркекти жашына карабай эле акчасына карап сүйүп калган. Эгер сен акчаң менен шаарга барып акчаңдын четин эле жанагы бузулган кыздарга көргөзүп койчу, тим эле жаныңдын чыкпай калышат. Бир төкмө акын бар го. Ошол акын минтип ырдап жатпайбы " Абышканы жаш келин сүйүп калган замана" деп. Ансыңары азыр заман бузулган. Карыдан сөөлөт кетти, жаштардан ыйман кетип, ар ким өз гана арбайын согуп жашап калган.

Медалбек менен кичинесинен жакшы мамиледе. Бир жагынан бул кишиге жолугуп калганына сүйүндү. Эми бир гана ой тилеги буга болгон арманын айтып, жеңилденип албаса болчудан эмес. Медалбек көп эле нерсени айткан болду, бирок бир дагы сөзү кулагына кирген жок. Аңгыча эле Бейшенбек карыя жандарына келип калды. Бул үчөө кеминде чай кайнам убакыт сүйлөшүп турушканда, Адыгей карыя сөз кезегин келтирип:

- Медалбек, макул көрсөң биздин үй жакка басып барып келбейлиби, сага айта турган курдаштык сөзүм бар - деди. Бул кезде Бейшенбекти нары жактан бирөө чакырып калган эле. Медалбек башын ийкеп:

- Барса баралы, эмне сөз? -деди эле, Адыгей карыя асмандан издегени жерден табылгандай сүйүнүп, алдыга кадам таштады.

Жолдо ката Адыгей ичинен эзилип, кандай кылып сөздүн эби менен түшүндүрүп айтам деген санаа менен келе жатты.

Айыл эли бири-бирин тааныгандыктан, учурашкан адат эмеспи. Медалбекке учурашкандар убакыттын көбүн алышты. Акыры убакыт сааты жетип, экөө үйдүн астанасын атташты.

"Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал" - деген сөз бекер жерден айтылбаса керек. Медалбек эшиктин алдын көрүп эле ичинен ыраазы болду. Баары орду-орду менен. Таза шыпырылган, бак-шактуу короону көрүп эле, курдашынын иштемчил экенин байкады. Үйдөн улуу келини чыгып, сыпа учурашкан болду. Адыгей үнүн жогору чыгарып келинине:

- Балам, чайыңды коюп, чый-пый жасай салчы. Шаардан курдашым келип калыптыр, - деди, сөз улап.

Экөө ээрчише басып ичкери үйгө киришти. Адыгей эшикти жаап, калыңдап койдун терисинен жасалган көлдөлөң төшөктү алдыга салып, колун жаңсады, маанилүү сөз айтчудай:

- Мындай олтур, курдаш. Убакыт бар. Тамак бышканга чейин мен сага болгон сырымды айтайын, - деди. Адам баласы чынында эле маанилүү жана кеңеше турган сөз айтаарда калдастап калган кандайдыр бир адаты болот эмеспи. Медалбек өзүн сабырлуу тутуп, Адыгейди сынай карады. Ооба, байкады, Адыгей баягы жаш кезиндегидей абдан желпилдеп алган, арзыган кызга бара тургансып. Эмнегедир ушул жерден Адыгейдин кыймыл аракети бир топ жыл илгерки жаш кезин эске салды.

Баягы мындан канча жыл мурда Жибекти арзып калып, аны ала турганын айтаарда да Адыгей кудум ушундай абалда калдастаганы Медалбектин көз алдына тартылып, бир саамга үнсүз туруп калды. Аттиң, адам баласындагы кыял-жорук, кыймыл аракет баары бир канча жашка келсе дагы сакталып калары анык экенин, Медалбек дагы бир жолу ушул жерден байкады.

Ооба, ошондо Адыгей, Жибекти ала турганын алгач ушундай абалда, үйүнө чакырып келип, эки жакты аяр карап алып айтпады беле " Медалбек, экөөбүз жакшы доспуз. Сага айтпаган сырды кимге айтам. Эртең үйлөнгөнү жатам, кыз менен макулдашып койдум" деп. Эми дагы кудум ошол абалда, ошол сөздү кайра кайталады:

- Медалбек, сага айтпаган сырды кимге айтам - деп. Бирок эмнегедир тайсалдап, айта турган сөзүн баштай албай, азга убакытка уттуруп койду. Шаарда жашап, анча-мынча нерсени аңдап калган Медалбек кабагын түйүп:

- Адыгей, сага эмне болду? Айтчу сөзүңдү айтпайсыңбы, эми? Эгер кыйнала турган болсоң айтпай деле кой, мен сени кыйнабайм. Жөн эле кызга ашык болгон бозойдой тайсалдайсың да.

Адыгей алдына ала сыр алдырып койгонуна ичинен өкүнүп алды да, сөзүнө чегинүү жасап, бир саамга үнсүз олтуруп:

- Медалбек, мен куруюн. Карыганда мени кара теке сүздүбү же ким билет бир кезде сын такканым ушул жазаны бердиби, айтор азыр арманым аттын башындай болуп, кимге арманымды айтаарымды билбей, акыры сага жолугуп, айта турган сөзүмдү эмнеден баштаарымды биле албай башым катып турат. Бул жалганда эч качан сын такбаш керек экен.

Тээ илгери жаш кезимде Раймалы менен Бегимай жөнүндө кино көрүп, ошондо мен Раймалыга катуу сын тагып койдум эле "карыганын билбеген, карыган теке, жаш кызды кантип абышка сүйсүн"- деп. Көрсө ал кино, чыгарманын негизинде тартылган тура, азыр баам салсам. Эми ошол сын такканым башыма келип, мен дагы бир жаш кызды арзып калдым. Эч ойлогон эмес элем "карыганда сүйүү келет" деп. Сен эми шаарда жашап, көп нерсеге түшүнүп калбадыңбы. Бир кеңешиңди бер. Айылдагы абышкаларга айтсам, алар мени шылдыңдап күлөрү анык. Андыктан ичтен жеген санааны сага айтып, жеңилдеп алуу үчүн мында сени чакырып келдим. Медалбек ирээти менен айтылган сөздү угуп болуп, кабагын түйүп, эч сөзгө келбей бир топко олтуруп:

- Адыгей, мен эми сага түшүндүм. Бул жалганда ашыктыктын санаасынан өткөн санаа жок. Сени алгач көргөндө эле байкагам, сырт келбетиңден эле, илдетке кабылганыңды. Бул ашыктык дагы өзүнчө бир чоң илдет. Сен бекер гана сын таккан экенсиң. Тилдин азабы минтип учуру келгенде өз жазасын берип коёт. Баарынан дагы карыганда келген сүйүүнүн санаасы адамды абдан жейт. Мен тээ илгери бала кезимде уктум эле, бир абышка күйөөсү бар жаш келинди сүйүп калып, абдан катуу азап чегип жүрүп, акыры ден-соолугунан ажырап тынганын. Билинбегени менен бирөөнү арзып калганды адам баласына, жаш өйдөлөп калганда, тактап айтканда карыганда бербесин. Мен сага абдан түшүнүп эле турам, бирок кандай кеңеш берээримди билбейм. Бир чети айыл эли сенин бул сырыңды билбей эле койгону оң.

Сөздү Адыгей алды:

- Курдаш, эгер ал менин жүрөгүмдү ээлеп алган неме бир турмушту башынан өткөргөн неме болсо анда бир айласын табат элем го. Быйыл мектепти бүтө турган жаш кыз болуп жатпайбы. Ал кызга мен кантип айтам "сени арзып калдым" деп. Ушул жагы мени абдан кыйнап келет. Келбетиң карыганы менен жүрөк жаш бойдон калат тура. Билбейм, денемди мите курт жегенсип, санаа жеп, ичимден эзилип келем. Эмне кылсам болот деги, бир айла-амал тапчы? - деди, жалооруган көз караш менен карап. Ооба, адам баласы кыйналганда жана алты айласы кеткенде гана кудум Адыгейдей көзү жалдырап, караңгыдан жол издеген адамдай калдастап калаары анык. Медалбек сөз кезеги келгенде мыйыгынан күлүп:

- Адыгей, билесиңби, сен, мен баш болуп жаш кезде ашык болгон Айымга кийин Сагынбай башкарма дагы ашык болуп, көзү тунарып, күйөөсүнөн ажыратып алам деп далбас урганын. Бул ашыктыктын азабын кары адамга бербесин, - деп чалкалай олтуруп маанилүү сөз айтчудай көзүн бар-бар ирмеп, тигиле карап:

- Адыгей, сен эми мындай кыл! - деди. Адыгей жөн эле бир ылаажы табылгансып, көзүн бакырайтып, кулагым сенде дегенсип, дем албай тыңшап калды "эмне кеңеш айтасың?" дегенсип. Аттиң, бул да болсо чеккен азаптын бир белгиси экенин жашырып болбойт эле. Медалбек ан сайын маалкатып, бирок бир кездеги Айнаш экөөнүн жоругун эстеп, ал окуяны ичине сактап, мыйыгынан күлүп алды да, ойлонгондой түр көргөзүп:

- Адыгей, сенин мындан башка айлаң жок. Жайдын келишин гана күтүшүң керек. Кыз шаарга окууга барганда, айта турган сөзүңдү артынан барып, ошол жактан айт. Антпесең азыр кызды катуу чочутуп аласың. Элет жеринде ар бир кыймылың, сүйлөгөн сөзүң элге тез жетет эмеспи. Андыктан бир гана жол кыздын шаарга барышын гана күтүү керек, башка жол жок. Ал жактан мен дагы сага жардам бергендей болом. Адыгей бул сунушту туура кабыл алды. Бирок ага чейин кантип чыдап жашайт. Алдыда кенен алты, жети ай бар. Айтканга оңой болгону менен бул көп убакытты ичине камтыйт. Эки курдаш бир топко талкууга алышты. Бир кезде келин сырттан баш багып:

- Ата, тамак бышты, - дегенде гана экөө орундарынан козголушту. Анткен менен ичтеги бугун аз да болсо айтып сыртка чыгарып алган Адыгей, бир топ жеңилденип алды. Даамдуу тамак алдыга келгенде экөө сөздү такыр башка нукка бурушту. Атаганат, элет жеринде жашаган адамдар кандай гана кулакта кала турган сөздөрдү таап айтышат. Медалбек курдашынын саяпкер жөнүндө айткан сөзүн угуп, абдан ыраазы болду. Сөз кезеги келгенде Адыгей Жолбун саяпкердин таптаган аты жөнүндө кеп кылып калды.

- Быйыл жазында Жолбун бир жүдөгөн, жаздан араң чыккандай абалы бар, арык бышты чыкма жылкы баласын тоого агытты. Жүнү түшө элек ал жылкы баласын Жолбун мага абдан катуу дайындады "көз болуп кой" деп. Арык жылкы баласы тоюнгадан кийин оңолуп кетет деген ойдо мен макул болуп, Жолбунга убада берип койдум, "көз салып турам" деп. Сөзүмө туруп ал быштыга анда санда көз салып коюп жүрдүм. Жайлоонун жашыл тулаңында жылкы баласы тим эле чөптүн бүрүн тандап жейт эмеспи. Тиги бышты бат эле өңүнө чыгып, жүнү түлөп, көбүнчө жылкылардын четинде жатат десең. Анын күндүз оттогону деле байкалбады. Бул адам баласынан султандар тамакка үзүлүп түшпөй, тамакты шашпай жейт эмеспи. Тиги бышты дагы оттогону деле билинбей, кудум тулпарлардай боюн сыпаа тутуп, көп кыймылдабай жатканы жаткан десең. Бир айдын ичинде эле башка жылкылардай көп оттобой жуушап жатып эле өңүнө чыга түштү. Ооба, укканым бар "аргымактын жакшысы, азыраак оттоп көп жуушайт" деп. Тиги чынында эле күндүз күнөстөп жатканы жаткан дагы, анан түнкүсүн оттогонун байкай албадым. Күз келип, тоодон түшкөндө Жолбун баягы быштыны өзү келип жетелеп кетти. Тим эле тиги быштынын семиргенин айтпа. Жону билинбей, тоголок болгону менен бели тартылып, малдын семизин билген киши дароо эле байкамак, тиги жылкыны сойсо казысы таман чыгарын. Ошончо семирген жылкыны Жолбун ашып кетсе жыйырма күндүн ичинде таптап, майынан түшүрүп күзүндө чоң той болду, ошол тойдо болгон чоң ат чабышка салды.

Баягы жазында жүдөгөн быштыны тим эле өңүнө чыгарганы бир тең, ат чабышта арышты кенен таштап, берки аттардан эки чакырымдай алдыга озуп келгени бир тең болду. Келгенде дагы чарчоо эмне экенин билбей, шайдоот чуркап келбедиби. Карап турган кишилердин көзү тойду, тиги Жолбундун таптаган күлүгүнүн чуркап келгенине. Ал эми экинчи, үчүнчү келген аттардын терисинен тер тамчылап, күшүлдөп-бышылдап араң эле аяк шилтеп келгенин көрүп алып, Жолбундун саяпкерлик өнөрүнө баа бердик. Андан дагы Жолбун күлүгүнө элдин көзү тийбесин деген ойдо дароо үстүнө жабуу жаап, кадимкидей арча менен аластап, ырымдап да жиберди. Билесиңби, ар бир өнөрдүн билинбегени менен өзүнчө ырымы болоруна, мен ошондо баам салдым. Эгер чын эле Жолбун ошол кезде ырымын жасабаса, күлүгүнө сөзсүз элдин көзү тиймек. Анткени аны көпчүлүк ушундай бир кызыгуу менен карап, тамшанып кеп кылып жатышты. Коңшу айылдан бир абышка абдан кызыкты. Андан дагы бир казак киши "баасы кымбат эки машина берейин, атыңды бер" деп сунуш айтты. Жолбун эч сөз укпаган адамдай гана баласынан атын үйүнө жетелетип жиберип, өзү баш байгени алды да, жолуна түштү. Бул сөздү укканда Медалбек таң калып:

- Жолбун кантип саяпкер болуп калган деги? - деди эле, Адыгей туура суроо бердиң дегенсип сөзүн улап:

- Анын энеси саяктын кызы эмеспи. Жолбундун таятасы чоң саяпкер болгон экен. Ал кишинин өнөрү балдарына эмес, жээнине оогонун карыялар кеп кылып айтып калышты. Бул эми аялды жакшы жерден алгандын бир белгиси экенин жашырып болбойт. Эки карыянын сөзүн угуп олтурган келин эч нерсени байкаган да жок, оюна эч нерсе албады. Эгер экөөнүн ашыктык жөнүндө сүйлөшкөнүн укса анда кандай абалда калат эле? Медалбек бала кезинен жылкы баласына жана күлүк таптаганга кызыккандыктан, Жолбундун саяпкерлиги жөнүндө укканда кабагы ачылып, көңүлү абдан көтөрүлдү. Эми шаарга кеткенге чейин ага барып жолукпаса, жаны жай албасын билди. Тасмалга бата тиленип, экөө сыртка чыккан кезде, айлананы караңгылык каптап калган эле. Анткен менен кечки суук өз күчүнө кирип, денени ичиркентип жиберди. Адыгей узатып чыгып, сөз кезегин келтирип:

- Медалбек, сага ишенип, ичтеги сырды сыртка чыгардым. Аны бир гана экөөбүз билебиз деди. Бул айтылган сөздүн артында "эч кимге айта көрбө" деген сөз жаткан болучу. Медалбек бул айтылган сөздү укканда коштошуп жатып, акырын гана көзүн кызып койду "кам санаба" дегенсип. Бир жагынан ичтен жеген санааны курдашына айтып жеңилденип алган Адыгей карыя үйүнүн астанасын абдан көңүлдүү аттады. Кабагы ачылып, үстүнөн бирөө оор жүктү алып салгансып, курган карыя эмнегедир келиненине дагы баштагыдай түнөрбөй, жаркылдаган кабак менен кирип келгенин "курдашына жолукканга го" деп келини божомолдоп койду.

Учурунда Медалбек дагы абдан туура сунуш айтты. Болбосо, айыл ичинен кызды чочутуп алса, анда баары тетирисинен чыгары бышык эле.

Адыгей эмнегедир бул түнү абдан тынч уктады. Анткен менен Айике түшүнө кирген жок. Күндө ал жөнүндө ар тараптуу ойлорду ойлогонго күнү кур эмес түшүнө кирчү. Эртең менен эмнегедир Адыгей карыя күндөгүдөн кеч ойгонду. Таттуу уйкунун азгырыгы, андан дагы көңүлү жайлангангабы айтор жылуу төшөктөн тургусу келбей дагы бир топко жатты. Уйкудан ойгоонору менен дароо эле оюнун учкуну Айикеге барып такалды.

Анын баскан турганын, көз тайгылткан сулуу чырайын эстеп чок болуп күйүп, от болуп түтөп, жылан болуп ийрилип, алты айласы кетип, жүрөгүнүн соккону оорлоп, үнүн чыгарып кыңкыстап жиберди. Атаганат, бул да болсо ичтен жеген ашыктыктын азабы, арзуунун билгизбей жеген санаасы эле. Карыя бир туруп Айикеге үйлөнүп жатканын чын ниетинен, ой чүмбөтүнө берилип кыялданды. Чын эле жаш кызга үйлөнүп калса, анда анын оюндагыдай көңүлүн ала алабы маселе мына ушунда болду. Анткени ашыктыктын эң жогорку чеги бул аң сезимди башкарып алган дене кумарынын күүсүндө эмеспи. Бул жөнүндө Адыгей карыя такыр ойлогусу келбейт. Негизинде өзүнүн денеси муздап, ашыктык оюнунан четтеп калганын кантип тана алат. Ооба, ар бир кыз бала турмушка чыгарда алгач эне болуу бакытына туш болууну ойлойт. Анан күйөөсүнүн табышкерлигин жана көңүл көтөрө сүйлөп эркелеткенин каалары анык иш. Адыгей ушул жаш курагында Айикени канчалык эркелетип, жутса суу көрүнгөн алкымынан аймалап өпкөн күндө дагы ал баары бир өзүнө толук мейип, боюн толук арнай албайт да. Бул жагын ойлогондо Адыгей жөн гана азап чегип, куру кыялга алданып жүргөнүн моюнга алды. Бирок жүрөктүн эңсөөсүн, каалоосун, тилегин аткаруу кимдин гана колунан келет, албетте мансабы жана байлыгы бар жаш жигиттин колунан келе турган иш. Ушул заманда Адыгей карыя канчалык байлыгын чачып, болгон күчүн жумшап аракет кылган күндө дагы Айикеге жетпейт, жетсе дагы оюндагыдай жашоо болбосун курган карыя билсе дагы, алдамчы сезимдин жетегинен чыга албады.

**********

Медалбек үйүнө келип кечки тамакты жеп, атасынан калган эски диванга кыйшая жатып, Адыгей курдашынын айткан сөзүн эстеп, өзүнчө талдоо жүргүздү. Бирок анын ойлогонундай боло турган эч бир жакшы ой акылына келбеди. Бир чети жашы өйдөлөгөндө келген сүйүүгө туура түшүнүп, өзүнүн башынан өткөн окуяны эстеди.

Ооба, көп болсо азыраак эле жыл болбодубу, өзүнүн эч ким билбеген жоругунун аягына чыкканына. Дагы жакшы, айылда эмес шаарда жашап, айткан оозго жарашпаган жоругу эч кимге билинбей калганы.

Ал окуянын четин аялы билип калды, бирок абдан кеч билди.

Медалбек үйүнө жакын жердеги тигүүчү болуп иштеген жашы отуздан оогон келин менен байкоосуздан жолугуп, сүйлөшүп калды.

Келин жакын жердеги күркөөгө келип түшкү тамакка кам көрүп азык-түлүк алганы келсе керек. Ал келиндин ботонукундай жайнаган көздөрү өзүнөн-өзү Медалбектин жүрөгүн кытыгылап, оозунан сөз алып чыкты:

- Ай, карындашым, мен сени күндө ушул жерден көрөм, жакын жерден иштейсиңби? - деди. Айнаш эч жаман ой көңүлүндө жок:

- Ооба, байке бул жердеги тигүүчү цехте иштейм - деди эле, Медалбек күлө карап:

- Ошондой, менин баамымда. Баса, сен бул жерге келип иштегениңе аз эле убакыт болсо керек? - деп, сөз улап сүйлөдү эле, Айнаш жалжылдаган көз карашынан жазбай:

- Сиз абдан туура баамдагансыз, мында келип иштей баштаганыма болгону бир аптадан ашты, бирок бул жактын ишине жакшы көнө албай жатам деди да, шашылыш экенин билгизип, коштошуп кетип калды.

Келиндин назик үнү, көзгө илинген чырайы, жалжылдаган көз карашы, аппак болгон узун мойну, капкара узун чачы, арыкчырай келбети, суу жутса көрүнгөндөй алкымы Медалбектин жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алып, күндө анын жолун караганга алып келди.

Күнгө ишемби болучу. Анткен менен жаздын жылуу илеби, жаңы ачылып жаткан бак-дарактардын жалбырагы, көңүл эргиткен келгин куштардын үнү Медалбекти тынч койгон жок. Жүрөгүнө тынчтык бербеген "сүйүү"- деген нерсенин азабы, алтымыштан ашкан жашын эске албай жаш келиндин алдынан тосуп чыкканга түрткү берди.

- Айнаш? - деди, Медалбек үнү каргылдантып, сүрдөгөнү билинип, жер караган болуп:

- Макул көрсөң менин сага айта турган кебим чыгып калды, кечинде ишиңден чыккандан кийин, бир кафеге барып сүйлөшүп олтуруп келбейлиби? - деди. Сакалдуу эле кишиден мындай сунуш угам деп ойлобогон Айнаш алгач чочуп кетип:

- Байке, кызыксыз го? Мен сиз менен кантип жолугушууга барам. Айта турган сөзүңүз болсо азыр деле айта бериңиз деди, кооптонуп. Медалбектин шаштысы кетип калды да эки жакты элеңдей карап, чукул жерден ойлоно калып шар мүнөзүнө салып , Айнашты күттүрүп олтурбай айтса айтайын деп, уялган түр менен жер карап:

- Айнаш, мен сени арзып калдым деп айтып алып жүзүн алакачып, жер карады. Ушул сөздү айтканга чейин кандай гана бушайман болду, кандай азап чекти. Анан ошол чеккен азабы бир ооз сөз менен Айнашка ооду. Аттиң, кыз баланын деги эле ургаачы жандын эркектен арзуу тууралу сөз укканы эмне деген гана түйшүктү моюнга артат. Эркекке эмне бир ооз сөз менен арзып калганын айтып салат дагы, анан жооп күткөнү аял затын кандай гана түйшөлтөт. Ооба, эркектин көңүлү калбас үчүн аял заты астейил мамиле жасайт, бирок канча ойлонот. Айнаш дагы ушундай бир азапка малынып, алгач Медалбекттен караанын алып качты, бирок анын келбети, жасаган мамилеси, кылгыра караган көз карашы тим эле уктаса түшүнөн, ойгонсо оюнан кетпей болгон дитин ээлеп алып, акыры анын караанын көрүү үчүн өзү далалат кыла баштады. Бул эми алты айласы кеткендеги аял затынын иши экенин жашырганда эмне. Чынында эле сүйүү тууралуу сөз угуу аялдар үчүн кандай жакшы маанайды тартуулайт. Айнаш башында чычалап, каршы болгону менен барган сайын болгон дитин Медалбек ээлеп алып, акыры кадамы өзүнө ээ бербей жолугушууга алып барды.

Экөөнүн алгачкы жолугушуусу анча жемиштүү болбогону менен кийинки жолугушууда Медалбек ойго келбеген белек алып берди. Болгондо дагы баасы кымбат шакек менен сөйкөнү бергенде мындай белек эч кимден алып көрбөгөн Айнаштын болгон дити өзүнөн-өзү бурулуп, ал турсун көрбөй калса экөө бирин-бири сагынышкан убакка да жетишишти. Бул эми сүйүү кары-жашка карабайт деген сөздүн туура айтылганынан белги берет. Эгер Айнашты, Тургунбек "алам" деп чыкпаган болсо, экөөнүн мамилесинин аягы эмне менен аяктай эле аны айтып болбойт болучу.

Медалбек өткөндү эстеп олтурганда аялы оюн бузуп:

- Ой, сага эмне болду, жогорку кеңештин депутаттарындай ойго алаксып. Же эмне баягы шермендеңди эстеп жатасыңбы? - деди, ойдо жок жерден. Бул сөздү укканда Медалбектин кабагы бүркөлүп, денесин майда калтырак басып, ачуусуу келип, мурду кыпчыла түштү да үнүн өктөм чыгарып:

- Кемпир, сен ойносоң да ойлоп сүйлө.Эмне карыганда бир жериң тартып турабы? Ушул аялдарга камчы салып туруу керек деп бекер айтылган эмес окшойт. Зымырат кабагын бүркөп:

- Ур, азыр ур. Балдарың эмне деп ойлойт экен?! Абышка, карыганда жөн карысаңчы. Сенин алдагы кейпиң эле айтып турбайбы, ким жөнүндө ойлонуп жатканыңды. Менде деле аз болсо дагы кызганыч сезим бар. Билем, сенин ар бир баскан изиңди эле эмес, ойлогон оюңду дагы. Адыгей досуңдун үйүнө эмнеге барып келдиң? Аны эмне билбейт дейсиңби? Баса, ал досуң карыганда бирөөнү арзып калыптыр деген кеп бар, ошол деги чын экенби? - деди эле, аңгыча эле келини ички үйдөн чыгып калып кеп үзүлүп калды. Дагы жакшы келини эч нерсе укпай калганы.

Медалбектин эми чындап көңүлү кирдеди. Курган кемпир менин Адыгейдин үйүнө барып келгенимди кайдан билип алды. Андан дагы эч ким билбейт деген Адыгейдин жаш кызды арзып калганын кайдан укту. Шаардан келгенибизге аз эле убакыт болсо, Зымырат тигинтип эч ооз ача электе эле баарын билип алганына Медалбектин акылы жетпей, башы катып турду. Ооба, чынында эле эч ким менен деле сүйлөшө элек, бирок баары дайын болгонуна жооп таба албай дагы ойго алаксып кетти.

Элүү жылга чукул бир төшөктө жатып, турмуштун ысык-суугун бир тартып, кызартып кыз, агартып уул төрөгөн кемпирин деле бул жерден күнөөлөп болбойт. Ал дагы карыганда көңүлдү көтөрүп "менде деле карысам дагы кызганыч сезими бар" - деп айткан сөзү кандайдыр бир жакшы нерсени көңүлүнө уялатты.

Таш жарып чыккан чөп, ал чөптү оттогон макулук, азуусун ташка жанган жырткыч. Ал жырткычтын жеми кайберен, деги эле дем алып, аба жутуп, күн көрүп, суу ичип, кыймылдап жүргөн жан-жаныбарлардын баары жанын жанга уруп, башын ажалга сайып, жашоо үчүн айыгышкан күрөш жүргүзөт.

Эртең баягы эле жан үрөп ырыскы таап жеген күрөш калыбында кайрадан башталат. Ал эми азыр болсо түндүн көркү болгон ай асманда жерге нурун чачып, өзүнүн кооздугун тартуулап турду. Жашоого келген жан-жаныбарлар текши түнөгүнө келип, караңгылыктан пайдаланып, эс алуунун үстүндө. Медалбек баягы ордунун кыймылга келбей олтурганда Зымырат келип:

- Ой, айтчы, сага эмне болду? - деп сураганда, Медалбек:

- Кемпир деги сенин качан мага карата болгон оюң оңолот. Мени ойго салган Жолбун таптаган жылкы баласы болуп жатат. Анын күлүк жылкысына кызыккан казактар "бир эмес эки баасы кымбат машина берели" - деп келсе дагы бербей коюптур. Мен кичине кезимде ат чабышта ат чапкан элем. Күлүк атка абдан катуу кызыгам. Мага Адыгей ошол Жолбун тууралы кеп кылып берди.

Келбетим шаарда болгону менен болгон ой тилегим айылда. Сага эмне аял ушак болсо болду. Болжолдоп айтылган ушак сөздү муюп угуп коюп жүрө бер. Билесиңби, бул жалганда ар бир эркек адам күлүк ат мингиси келет. Ошол себептен шаарда машина көп. Аны деген "темир ат" деп коёт. Зымырат ээгин кагып:

- Жолбун качантан бери саяпкер болуп калыптыр? Эмне эле саламга келбей калган десе... Жана тиги Гүлжан таяежемдин үйүнө бара жатсак, алдыбыздан чыккан. Мени көрмөксөн болуп, өтүп кетти. Бул адам баласы кичине эле бир нерсеге жетип калса болду, мурдун көтөрүп калган адаттары бар эмеспи. Медалбек кабагын чытып:

- Кемпир деги сен бир нерсени байкап сүйлөйсүңбү. Азыр деген айылды дагы таксырлар баскан. Алардын айтуусу боюнча эркек киши башка аялга салам бермек турсун, жүзүн карабаш керек экен. Жолбун дагы алардын катарын толуктап оң жолго түшкөнүн эске ал да, бекер эле күнөөлөй бербей. Аңгыча эле келини:

- Ата, апа тамак бышты, келиңиздер деди. Ушул бойдон сөз үзүлүп, Медалбек тамак ичкенден кийин эле барып жатып алды.

Эртеси таң эрте али төшөктөн тура электе акырын Зымыраттан чекип сурады:

- Кемпир, сага тиги Адыгейдин бирөөнү арзып калганын ким айтты жана аны кайдан билдиң? - деп суроолуу караганда. Зымырат мурдун чүйрүп:

- Аны болгон айылдын эли билет экен. Анткени ал эч жери оорубаса дагы илдетке кабылган адамдай кабагы ачылбай жүргөнүн элдер ошол бирөөнү арзып калганга жоруп алышса керек. Андан дагы ал такыр эле болуп көрбөгөндөй өзгөрүлүп кетиптир го, акыркы кездерде. Балким аялынын оозунан сөз чыгып кетсе керек, бир ошол нерсеге байланыштуу сөздүн учкуну. Бул сөздү укканда Медалбек кабагын чытып:

- Андай сөздөрдү уккан күндө дагы айтпаш керек. Бирөөнүн күнөөсүн көтөрүп. Ар ким болжолдоп сүйлөнгөн эле сөз турбайбы. Азыр Адыгей аял алган күндө деле ага ким тиймек эле. Бир эмес миң арзып калган күндө дагы деп, сөзүнүн аягын жай бүтүрдү.

Убакыт жалган шашкеден ооп калган кезде, тактап айтканда түш ченде Медалбек, Адыгей карыяга баягы көпүрөнүн жанында эки абышка менен сүйлөшүп турганда жолукту. Ар нерсени сурашкан соң Медалбек эч шек бербей элден бөлүп:

- Адыгей, сен чыныңды айтчы мага, байболгур.

- Эмне болду анчалык деги? - деп суроолу караганда Медалбек:

- Тиги жаш кызда арзып калганыңды эч ким билбейт дебедиң беле, элдин баары билет турбайбы дегенде, Адыгейдин көзү чакчайып, кейпи бузула түшүп:

- Аны сага ким айтты?!- деп, ушундай бир күч менен сурап, кабагына кар жаап, жазгы жамгыр жаай тургандагы кара булуттай өңү өзгөрүлө түштү. Бул жалганда жаман кабардын күчүн ушундан улам билсек болот жүрөктүн кагышы ылдамдап, дене калтырап, көздүн нуру качып, оозго сөз да келбей калаары анык. Айлабызды майда чүйдөлөр кетирет, буга мисалга эле муну алсак болот чымындан эмес, пилден буйтаган оңой. Ооба, ушул сымал эле бир ооз сөз адам баласын кандай азапка салат дагы, кайра эле бир ооз сөз кандай сүйүнтөт. Адыгейдин ушул сөздү уккандагы турпатын жазганга кагаз, айтканга сөз жетпейт го. Медалбек чыканагынан кармап, дагы нары басты да, анан:

- Адыгей, кечинде үйгө барсам сенин бирөөнү арзып калганыңды мага аяшың Зымырат айтты. Ал кимден укканын билбейм. Билсең мен дагы сага окшоп бир жаш келинди арзып калып, Зымыратка билинип калгам. Кечинде ойго алаксып олтурсам айтып жатпайбы. Ал турсун сенин үйүңө барганымдан бери ага жетиптир. Бул сөздү укканда Адыгей чындап таң калып калды да:

- Анда бизди аңдыган бирөө бар го. Болбосо, ким билет эле. Медалбек кабагын чытып:

- Адыгей, сен эми мындан ары кабагыңды ачып жүрчү. Антпесең элдер сени бирөөнү арзып калган үчүн кабагына кар жаап, илдетке кабылган адамдай жүрөт деп сөз чыгарып алышыптыр. Экинчиден эмне кемпириң дагы бир нерседен шек алып калганбы? Балким андан сөз чыгып кетпесин. Аялдар көп сүйлөп жатып эмне сөз сүйлөгөнүн билбей калышат эмеспи. Балким Жибектен ашыкча сөз чыгып кеткен чыгар - дегенде Адыгей кабагын чытып:

- Аның бар. Бул чын эле Жибектин кылганы болуп калды. Сен айткандай ал экөөбүз эки - үч жолу кагылыша кеткен элек. Балким ал ичтеги бугун бирөөнө чыгарып айтты, андан айыл элине тарап кетти да. Медалбек сөздү бөлүп:

- Анда менин силердин үйгө барганымды Зымырат кайдан билди болду экен? Маселе бул жакта дагы болуп жатпайбы. Адыгей карыя жаңы эле Айикенин алдынан чыгып, анын айчырайлуу жамалын көрүп, кыялында анын ак жүзүнөн аймалап өөп, эркелетип, кабагы ачылып, ичинен таттуу кыялга жетеленди эле. Эми бул сөздөрдү укканда эмне айла табууну билбей туруп калды. "Сүйүү бул бирөө үчүн азап чегүү" - деп бекер айтылбаса керек. Болбосо карылык сакалы ээгин жаап, минтип "аксакал" деген атка татыктуу болгондо, кайдан дагы жүрөгүнө ээ бербеген ашыктык азабы башына келгенине жооп жок. Алда ургаачы жандын насили, сулуу чырайы! Кандай адамдарды, кандай көк жалдарды, кары болобу жаш болобу кандай гана таттуу ойго салбайт. Атаганат, ушунча элдин баары көзгө илинип, бир гана көргөндө көз отун жандырган, өпкөндө көксөөнү кандырган, басканы маралдай, сүйлөгөнү кулакка жагымдуу тоо булагынын үнүндөй болгон аял затынын асылы Айике көзүнө дагы бир жолу көрүнүп койсо кана. Анда курдашы Медалбекке дагы көз кыйыгы менен гана көрсөтпөйт беле "мени кыйнаган, жүрөгүмөн орун алып, жанды жай алдырбаган алиги сулуу" - деп. Анда аны көрсө Медалбектин дагы көзү оттой жанып, телмире тиктеп, кареги талыганча карайт беле ким билет. "Жүрөктү бырыш баспайт, так басат" - дегендей, карыганда жүрөгүнө так салып, эч нерсе билбей жүргөн жаш кыздын элеси, көз тайгылткан сулуу турпаты, колго жасап койгондой келбети тим эле жүрөгүн туйлатып, эми ошол арзып калганы элге билинбесе экен деп ичинен миң кайталап тиледи. Дагы жакшы, эл кимди арзып калганын билбей, божомолдоп айткандары. Оюн окуп билгенсип Медалбек:

- Курдаш, эми сен тилди алсаң элге сөз болбой жок дегенде бир ай сыртка чыгып келбейсиңби? Анткени азыр баары сени карап, сени аңдып калган кездери "кимди сүйүп калды болду экен?"- деп. Балким аңдып жүргөндөр дагы болушу толук мүмкүн деди эле, бул сунушту дагы туура кабыл алды. Бирок бир ай Айикени көрбөй жүргөнгө чыдай алабы, маселе мына ушунда. Адыгей башын ийкеп:

- Макул, бүгүн же эртең Жибек келет. Ал келгенде мен шаарга жөнөйүн, балким курортко барып келсемби. Медалбек бул айтылган сөздү туура кабыл алып:

- Биз эртең жолго чыгабыз. Мен сага Ысык-Атага жолдомо таап берейин. Уулум ошол жактын чоңу менен жакшы тааныш. Бирок сен курортко барарыңды эч кимге айтпа. Дагы кандай сөздөр чыгып кетет деди. Адыгей макул болуп:

-Медалбек, сен унутпай дарегиңди таштап кет, барганда таппай калбайын.

- Аны эмне кыласың. Шаардагы кызың менин үйүмдү билет. Азыр андан көрө Жолбундун үйүнө барып келеличи. Мени анын күлүк аты кызыктырып жатат. Баса, ал эмне динге катуу берилип кетти беле?

- Анын жоругуна азыр таң калып деле болбой калбадыбы. Учурда жанагы бала туруп сакал койгондор динди дагы булгап бүтүштү. Акыл айткан оңой, бирок акылдуу болуш кыйын. Жолбундун башын дагы даабатчылар айлантты көрүнөт. Мурда эч кимге билинбей эле беш убак намазын окуп жүргөн эле, эми үйүн таштап даабатка кеткен дагы адат таап алды. Салт-санаа, үрп-адат баары бурмаланып, учурда айыл жерин сакалчандар бийлеп калды. Айтылган кеп бар эмеспи " Ыйманга үгүтөө оңой, бирок ыймандуу болуш кыйын" - деген, кечээки мадыра баштар шарият сөзүн кошуп акыл айтканда айлаң кетет. Кыска сөздүүлөр аз, узун сөздүүлөр көп болуп калбадыбы. Жолбун өзү жакшы адам. Бирок карыганда үйүндө эле олтурса болмок, даабат дебей. Мейли ал дагы бир нерсени ойлоп жаткан чыгар. Эки карыя бир топко Жолбун саяпкерди талкууга алып, анын үйүнө карай кадам ташташты.

*******

Жолбун өзү орто бойлуу сөзгө сараң, киймин таза кийген, аз сүйлөп көп иш бүтүргөн кишини баалаган, арыкчырай киши. Кээде көпчүлүккө кошулбай кетип калган адаты бар. Анын себеби кээ бир адамдар оозго жарашпаган сөздөрдү айта бергенине ичинен түтөп кетет. Ошол себептенби, акыркы кездерде өзүнчө жалгыз жүргөндү жактырып, жакшы карысам экен деген изги ойдо жүрөт. Чынында эле адам баласы карылыкты жакшы тосуп алып, жакшы карыса кандай кадырлуу болор эле... Бул жалгандан кимдер гана жашап өтпөгөн. Ушул аманатка берилген жанды жакшы багып, кадырлуу карылыкка жетүү дагы бул чоң эмгекти талап кылары анык. Чынын айтканда өзгөчө кары кишиге таза жүрүп, намазын үйбөй окуп, шарият сөзүн айтса кандай оозуна жарашат. Ошол себептен "карынын сөзүн капса сал" - деген сөз бекер айтылбаган чыгар.

Эки карыя Жолбундун дарбазасын аттаганда эле кандайдыр бир жакшы аураны байкашты. Эшигин көрүп төрүнө өт дегендей, Жолбун карыянын эшигинин алды таза, бак-шактуу болуп, көзгө ушундай бир жагымдуу көрүнүп, тим эле көздөрү жайнап эки жакты караганга үлгүрүштү. Аңгыча эле боюна жарашыктуу кийим ийген, ээгине кыска сакал койгон Жолбун алдыларынан тозуп чыгып, жакшы маанай менен учурашты. Мунун себеби, Медалбектин тээ союз кезинде чоң жардамы тийген. Аны кантип эсинен чыгарат эле. Бир чети өзүнөн беш-алты жашка улуу эки карыянын эшигинин алдына келгени кандайдыр бир көңүлүн өстүрүп турду. Ал жайды сурап, кол алышып туруп калган соң, Жолбун мейман достугун карматып:

- Киргиле, үйгө деп колун үйүн көздөй жаңсады. Атаганат, өзгөчө Медалбектин кабагы ачыла түштү. Баары ирээти менен. Жөн эле чет элдик жетишип жашаган байдын үйүнө келип калгандай эле болду. Али мезгил кыш. Ошондо дагы кооздук алгач келген адамды өзүнө тартат десең. Көз жоосу кана карагандай бактардын ылдый жактары, аппак болуп акиленген, короонун дубалдары, бери жакта тыпырайып жасалган иттин уясы, тирелип кудум кирпичтей болуп жыйылып турган көң, жарылган отундар, мончо, машина гаражы деги эле эшиктин алдында ашыкча эч нерсени байкай алышкан жок. Баары орду-орду менен, жөн эле көңүл көтөрөт десең. Али үйгө кире электе эле Жолбундун кандай адам экени айттырбай билинип калды. Ушул жерден Медалбек чукул жерден ойлоп койду "атаганат, жанагы даабат деген немени Жолбундай болгон таза, тили менен эмес иши менен көргөзгөн адам айтса, анда канча киши намаз окуп калат эле" - деп.

Астанадан Жолбундун аялы утурлай басып чыгып калды да, ийменип кудум жаш келиндей башын ийкеп учурашып, жол бошото туруп калды. Жамиланын бул кылыгынан Медалбек менен Адыгей илгерки көзгө сүйкүм көрүнгөн аял затынын элесин көрүп, улуулук сапаттарын сактап саламды алик алып, алкаган болушту.

Эх, аял затына ийменген, уялган, ыйбаа кылган, тартынган кандай жакшы жарашат. Керек болсо шаарда Жамиланын курагындагы аялдар көчүк-башын көргөзүп шым кийип, ийменүү-тартынууну койдум, жылаңбаш болуп алышып, эркектер менен кол берип, баарынан да өбүшүп учурашкандары акыркы кезде көнүмүш болуп калганын кантип жашырууга болот.

Ичкери киргенде эле алгач маңдайда илинип турган чийден кооздолуп согулган жайлоонун жана аттын сүрөтү көзгө урунду. Адам баласынын көзү кооздукту жана сулуулукту кандай берилүү менен кабыл алат. Эки карыя дароо эле тиги сүрөткө арбалып калышты эле Жолбун:

- Ал Жамиланын кол эмгеги. Мен алтымышка чыкканда жылкы баласын жакшы көрөсүң деген ойдо белекке тартуулаган. Аңгыча эле мектепте окуган теситиер бала ички үйдөн чыгып:

- Ассалам-алэйкум деп салам берип калды. Жаш баланын минтип учурашканы дагы Медалбектин көңүлүнө жага түштү. Албетте тарбиясы жеткиликтүү бала гана минтип нак кыргыз тилине басым жасап учурашары анык. Медалбек да, Адыгей да тиги баланын учурашканынан, өздөрүнүн бала кездерин эстеп кетишти.

Чоң зал үйгө киришти. Эми үйдүн жасалгасы бир укмуш. Бул бөлмө көбүнчө кыргыз буюмдарына басым жасалып кооздолгону байкалып турду. Сыртынан анча деле жакшы көрүнбөгөнү менен катылып жаткан сырдын баары үйдүн ичинде жатканын байкашты.

Сөз орун алып олтурганда башталды. Алгач эле Медалбек:

- Жолбун, мен кечээ жакында шаардан келип, сенин дарегиңе карата абдан жакшы сөздөрдү уктум. Жакшы сөз кулакка кандай жагымдуулукту тартуулайт. Чет элде жүрүп кыргыз атуулунун жакшы сапатын укканда кулак сүйүнгөндөй, шаардан келип сенин ат таптаганыңды угуп алып, уккандан бери бир жерге олтура албай сени менен баарлашкым келип, атайын Адыгей курдашымды жаныма жолдош кылып ала келдим. Айткандай азыр баягыдай кыргыздын улуттук сапаттарына көңүл бурулбай, бир гана акча кубаламай менен алек болуп калдык. Жолбун башын ийкеп угуп, сөз кезеги келгенде:

- Учурунда, тактап айтканда, мындан бир-эки кылым илгери ушул замандын болорун алдына ала Калыгул олуянын айтканы келди. Заман жаңыланганда элдин агымына карап иш кылыш керек болуп калбадыбы. Сиз айткандай азыр мага баары жасалмалуулуктай сезилип калды. Аял ушактан, эркек ушак көбөйүп, улуу сөздөр сүйлөнбөй, кичинесинен чоңуна чейин саясатчы болуп кулак укпаган жаңы сөздөр айтыла баштады. Аны эми миң айткан менен эч нерсе кыла албай калдык.

- Жолбун сен качантан бери саяпкерчилик өнөргө аралашып калдың? Муну сураганымдын себеби мындай. Мени билип калсаң керек, бала кезде далай жолу ат чабышта ат чаппадымбы. Эми ошол кездеги атка кызыккан адатым, али менден кала элек. Бул адам баласындагы кулк-мүнөз баары бир калбайт тура. Жылкы баласы жөнүндө кеп угуп калсам, кабагым ачыла түшөт.

Ким эмнеге жакын болсо, ал темада сүйлөшүлгөн сөзгө кызыгары анык экенин танып болбойт. Адыгей карыя үчүн ушул жерден сүйүү темасында сөз айтылса кулак төшөп, дем албай угат эле, курган киши. Чынында ат таптоо жөнүндө айтылган кептер Адыгей карыяны кызыктырган деле жок. Болгон ой-тилеги, чеккен санаасы ушул улуу сөздөр айтылып жаткан жерден дагы Айикеге барып такала берди. Бул "сүйүү" - деген нерсе жаш өйдөлөгөндө башка келгени курусун. Ушул жашка келип, небереге чоң ата, жээнге таята болуп, көк сакалдан аксакалга өтүп, артындагыларга бата берээр кезинде жаш кызга ашык болуп бул жерден дагы оюу алагды болгонун алгач Медалбек байкады. Жолбун ат таптоонун жолун, саяпкерчиликтин сырын, жылкы баласынын сыпаалыгын берилүү менен айтып жатканда, Адыгей карыя сабака көңүл бурбаган окуучудай башка нерсени ойлоп олтурганы, өзүнүн ушул жашына туура келбей турду. Сөз кенен эки саатка уланды. Жолбун анткен менен жорго сөзгө бай, илгерки санжыргалуу сөздөрдү айтканда Медалбектин кулагынын кычуусу канып, ар бир айтылган сөздү кунт коюп эч үн дебей, сөздү бөлбөй угуп олтурду. Аңгыча эле сырттан катуу үн салып, кызуу бирөө келгендей болду. Бул Жолбун карыянын кичүү уулу болучу. Аттиң, көрсө ар бир үйдө бирден сасыткы болот тура. Кенжебек келгенге чейин бул үйдүн жашоо турмушуна кызыгуулары артып, "үлүгүлүү үй-бүлө экен" - деген ойдо олтурушкан эки карыянын ойлоруна бөгөт коюп, кызуу келген Жолбундун уулу апасынын сөзүн сөз дебей кирип келди да, башка катуу таяк жеген көк букадай селейип эле туруп калды анан, эч сөзгө келбей кайра чыгып кетип, үнү чыкпай эле калды. Жолбун карыя уялганынан жер карап:

- Кечирип койгула. Эң кенже уулум. Учурунда катуу эрке кармап коюп, эми азабын тартып жаткан кезибиз. Ушул уулум ыйманга келсе деген аруу тилек менен күндө беш маал намаз окуган сайын тилек кылам. Бирок дээринде жок болсо, баланын оңолушу деле кыйын экен. Бул балам келин менен ажырашып кетип, эми "мектепте окуган кызды алып бер"- деп кыйнап жатат. Ал кыз быйыл мектепти бүтүрөт экен. Алты айлам кетти. Илгери "арзуу" дегенди жашырып-жаап аздектеп сыр кылып бакчу элек. Эмки балдар ооздоруна алы келбей шалп эткизе эле айтып салышат экен. Катуу сөз айткандан дагы корком, ичип алып өзүн мандем кылып салабы деп. Анткен менен бул баламдын уулунан үмүтүм чоң. Апасы менен атасын элдештирүү үчүн аракет кылып жатат. Бирок күндө минтип атасы мас болуп келгени кончко түшкөн таш бутту өйкөгөндөй, жүрөктү өйүп бүттү. Аттиң, бир кезде бул уулумду минтип алкаш болуп калат деген ойду ойлогон эмес элем. Бирок ичпеген кезинде жакшы. Ат таптаган өнөрү бар. Кээде мен билбеген нерсени билип коёт. Тиги казактар эки машинага бер деген күлүктүн кемчиликтерин ушул кенже балам билип койгон. Бул сөздү укканда Медалбек кабагын түйүп:

- Кап, өнөрлүү баланын ичип кеткени жаман болгон экен. Канчалаган таланттардын келечегине ичимдик тоскоолун тийгизип, бут тозуп келе жатат. Жолбун, макул көрсөң уулуңду шаарга алып барбайсыңбы? Менин бир таанышым бар. Канын дары менен тазалап, жамбашына ичпегендей кылып дарыны тигип салат, анан уулуң ичпей калат деди эле, Жолбун колун шилтеп:

- Анын баарын жасап көрдүк, бирок болбоду. Шаардагы байкелери Казакстанга чейин алып барып келишти. Эч тыянак жок. Мунун бир гана дарты жанагы мектеп окуучусу болгон сулуу кыз болуп калды. Кээде катуу мас болуп келгенде Айикелеп кыйкырат. Эл укпасын деп, үйгө камап салабыз. Бул сөздү укканда Адыгей карыянын көзү чакчайып, өңү бузулуп, кызгануу сезими ойгонуп кетти. Медалбек кызыгуусу арта:

- Ал кыз эмне ушунчалык эле сулуу кызбы? - деди эле, Жолбун карыя көп жактыра бербей:

- Мен ал кызды көрө деле элекмин. Азыр сулууга көңүл бурчу кезби. Үч жолу даабатка чыгып келдим. Аялыңдан башка ургаачы жанга көз арткан, никени булгаганга тете иш экен. Ошол себептен карылык башка келип, бир бут көргө салаңдап турган кезде акыреттин камын көрүү үчүн, жаш кезде кетирген каталарды жууш үчүн минтип намаз окуп, улуу Алланын жолунда жүрөм. Бирок менин кадырымды булгап тиги уулум сасыткы болуп жатпайбы. Баласы туруп башка аял затына ашык болгонун ачык айтып жарыялабай эле койсо болмок. Бул эми ичкен адамдын адамдык терс сапаты экенин кантип танууга болот. Ооба, ичкиликке берилген адамдар керек болсо чеккен чылымынан бери мактаныч кылып айтат эмеспи. "Алы жок иттин үнү заар" - дегендей, колунан иш келбеген көчө алкаштарынын айткан сөздөрүнүн уусун кантесиң. Ооба, ичкенди билген адамдар бар. Алардын ичкени жан адамга билинбейт. Кошуна - колоңдордон корунуп бүттүм. Элдин бетин карай албай калдым, тиги сасыткы уулумдун айынан. Шаардагы эки уулум менен сыймыктанам, бул уулум менен басынам. Эртең келип муну кайра шаарга алып кетишет. Сөз ушул жерге келгенде эттүү кылып бышырылган жаркоп келип калды. Анткен менен Жолбундун айткан сөздөрү Адыгей карыяга тим эле бычак болуп катуу тийди. Айткандай ушул жашка келгенде сулууну сүймөк турсун, башка аял затын карабай эле койгону дурус болучу, өз кадырына доо кетирбей. Жолбун карыянын кадырына уулу доо кетирип жатса, өзүнүн кадырына албетте жүрөккө тынчтык бербеген арзуу кыйнап, доо кетирип жатканын кантип жашырып жаба алат.

Көрсө Айикеге бир гана өзү эмес, боз баш балдардан тартып, бала-чакасы бар, бир базардан өткөн киши катарына кошулгандар дагы ашык болуп, кылгыра карап жүрүшкөн тура. Аттиң, сулуунун келишкен турпаты, кимди гана каратпайт дагы, кимди гана сүйдүрбөйт, кимди гана эңсетпейт. Ар бир эркек ай чырайлуу аял алгысы келээрин танып болбойт го. Болбосо, тээ илгертен хандар менен Султандар, баатырлар менен балбандар, бийлер менен байлар сулуу аял заты үчүн талашып - тартышпайт эле. Ошол адат минтип ушул заманга жетип Адыгей карыя баласындай балдардан сулууну кызганып олтурмак эмес.

Тамак желип жаткан Жолбун карыя сөз кезегин алды:

- Тээ илгери бир сулуу кыз болуптур дегенде, алгач Адыгей карыя ичип жаткан тамагын токтотуп карап кады. Сөз андан ары уланды:

- Ал сулуу кызга сакалын сүйрөгөн чалдан, боз баш балдарга чейин ашык болгондор болуптур. Бирок, кыз жаш болгон үчүн жүрөгүнө али ашыктык сезими келе элек болгонгобу өзүнө ашык болгондордун эч бир үнүн укпайт дагы, сүйүүсүн кабыл албайт. Андан дагы ал кыз чоң бай адамдын кызы болгон үчүн, жан адам жакын жолой албай, жеңелери аркылуу гана сөз айтышып, тымызын жолугушууга чакырышат. Кыз жолугушууга келгени менен бирине дагы оң жооп бербей, өзүнүн сулуулугун жогору тутуп менменсинип, теңине эч кимди албайт. Бирок акыркы жолу жолуккан абышканын көз карашын эмнегедир жүрөгүнө жакын кабыл алып, канча жаш уулу болсо дагы анын жашына карабай абышканы арзып калат. Көрсө жүрөк жаш тандабайт, сүйүү кары жашка карабайт, эңсөө эстен алат белем, бир күнү көп жигит ашык болгон ай чырайлуу кыз, абышка менен айылдан качып чыгып, жол кезип жөнөшөт. Сөз ушул жерге келгенде үйгө кошуна жашаган Келдибек карыя келип, сөз бөлүнүп калды. Сөздүн бөлүнгөнү Адыгей карыяны абдан капалантты. Эми Жолбун ал сөзүн кайра кайталап айтпайт да. Окуянын аягы кандай аяктайт, укпай калганына эки абышка катуу өкүндү. Келдибек карыя келип эле Жолбунга бир тийди:

- Жолбун, ушул кантип болсун! Уулуң бизге жашоо береби же ушинтип күндө ичип келип алып, тынчтык бербей кыйнай береби? Бир нерсе ойлоп тапсаң боло деги?!

Эх, ата менен эне үчүн баланын дарегине кулакка жат сөз уккан кандай жаман абалды таруулайт. Тиги киши сөзгө келип тамакка караганда, Жолбун кабагын түйүп:

- Келдибек байке, эртең шаардан балдарым келип алып кетет. Менин дагы алты айлам кетип, чыдамым жетпей калды.

- Ой, тиги арзыганын алмайын мунуңдун жаны жай албайт го? Күндө терезенин тушуна келип алып "Айикелеп" кыйкырган адат таап алды. Карыганда адам тынчтыкты каалап калат экен. Деги өзүң жакшы адамсың, бул балаң кайдан чыккан?

- Чөйрөсү бузуп жатпайбы? Эптеп шаарга кетсе, ал жактан агалары оңдобосо болбой калды көрүнөт. Медалбек менен Адыгей карыя сөзгө кошула алышкан жок. Ал турсун ооздорунан сөз качып, келгендеги жакшы маанайлары жок, кайра издерине капа болгон түр менен кайтышты. Адыгей үчүн алиги окуянын аягына чыкпай калганы кабагын бүркөдү. Ал жомоктогу окуядай болуп Айике экөө эл көрбөгөн жакка кетип калышса кана... Баарынан дагы Жолбундун уулу ачык эле Айикелеп жатканы Адыгей карыяны абдан ойго салды. Ичкиликтин итчилиги да, болбосо Кенжебекте деле ар бар. Соо кезинде уялып калса керек деген ойду ойлоду. Медалбек оюн окуп билгенсип:

- Адыгей, сенин тиги чүрөгүңө айыл эли бүт ашык болгонго го? Тээ илгертен сулуу кыз көздүн көркү болуп, өзгөчө колунда бар байлардын же билегинде күчү бар балбандардын энчисинен чыга койгон эмес эле. Балким буга чейин колунда бар бирөө баласына куда түшүп, башын байлап койгон жок болду бекен, ушуну бил. Тигинтип катын, баласы бар бала дагы ачык эле чабуулга өтүп, атасын көзгө илбей көзү түшкөнүн билгизип, эшектин аңгисиндей айкырып калыптыр. Деги сак болбосоң болбойт го? Адыгей "ушул сөздү угам" деп күткөн. Бир саамга сөз жалгабай, жер тиктеп басып, капа болгонун кыймылынан билгизип, жөн эле чоң жоготууга туш болгон соодагердей түйшөлүп, кудум жаш жигит кезинде аял ала тургандай абалга келип:

- Медалбек, мени ойго салган Жолбундун айткан кеби болду. Минтип чын эле бир бутубуз көргө салаңдап турган кезде жаш кызды арзып калып, ашыктык жөнүндө сөз козгогонубуз биздин оозго жарашпаган кеп. Бирок намыс, ар, жүрөккө тынчтык бербеген ашыктыктын азабы да жанды койбой жатпайбы. Аттиң, жок дегенде кырк жашымда ушул ашыктык оорусуна жолуксам эмне? Эми экөөбүз канча аракет кылганыбыз менен эч майнап чыгара албайбыз го? Чынын айтсам мен эми баары бир Айикени кызганып жүрүп, өтүп кетет окшоймун. Ал менин көзүм өткөнгө чейин тумушка чыкпаса экен, деги. Дегеним, азыр мен кабылган ашыктык дартын душманыма дагы каалабайт элем.

Сүйүү дартын башына келген киши гана түшүнө билет белем, Медалбек ойго алаксып, курдашынын абалына туура баа берип, кандай жардам бере алат болдум экен дегенсип туруп, бир топто гана сөз козгоду:

- Курдашым, мен сага түшүнүп турам. Сен айткандай бул илдетти карыганда бербесин. Ар бир нерсенин өзүнүн учуру болот деген чын тура көрсө. Ашыктык бул жаштардын оюну, алардын эрмеги экенин мен эми гана түшүндүм. Карыганда келген сүйүүнүн илеби абдан жалындуу, табы күчтүү болорун мен билем. Менин башымдан өтпөдүбү. Анан кантип сага түшүнбөйүн. Мен го арзуума жетип анын ак денесин кармап, кумарына балкыдым. Билесиңби, бул жаш деген жаштыгын кылат экен. Мени тим эле тиги келин, өзүнүн жалындуу илеби менен отуз жашка жашарты го чиркин. Гүлбарак келиндин ысык денеси, жагымдуу үнү, кумарлуу көз карашы, кыңкыстаган кылыгы азыр дагы толук аң сезимимден кете элек. Аны эстеген сайын ошол убакка кайра баргым келет. Көрсө бул жашоонун бир жыргалы ашыктыктын кумары, ыргагы, оюну, таттуулугу, жылуулугу бүт дүйнөнү унуттуруп, болгон нерсени аң сезимден жууп салып, бир гана нерсе жүрөк каалаган адамың болуп каларын жана аны менен гана жашоо кызыктуу экенин мен башымдан өткөрүп, аз да болсо жаш өйдөлөгөн кезде оюн салып барып акыры тизгиним тартылды. Менин жеке оюмда сага жаман болбодубу. Тиги кыз жок дегенде бир жашоону башынан өткөргөн эле келин болсо эмне, анда дагы бир жолу табылып калар беле? Келдибек карыянын сөзүн өзүң укттуң. Көрсө менин баамымда сен жөн кызга ашык болгон эмес экенсиң. Атаганат, өзүң эле калыс болчу. Бул жалганда эркек аттууга баары жараша берет тура. Эгер сенин байбичең жаш уланга сендей болуп ашык болуп калса, анда эмне болот эле? Туура түшүн, бул ургаачы жандын жашоодогу жолуу кууш келет. Керек болсо карыганда ашык болуу эркекке гана жарашат. Кулагың чалды беле кемпир жаш уланга ашык болгонун.

Адыгей сөздү бөлүп:

- Медалбек эми мен эмне кылышым керек? Деги бир жакшы нерсе ойлоп тапсаң боло, болбогон сөздү айтпай. Кемпир бирөөнө ашык болобу же экөөнө ашык болобу ал өзүнүн иши. Менин азыр такыр жан дүйнөм кыйналып, алсыз тартып бара жатам. Эч оюма алган эмес элем, Айикени менден башка бирөө жакшы көрөрүн. Минтип ачык эле каршылаштар чыгып, алдымды тороп жатканы дагы ойго салып койбодубу деп, мукактана түштү.

Кап, тээ илгери жаш кезинде болгон аракетин жасап Айымды эле алып алганда эмне, анда Айике өзүнүн небереси болуп калат беле ким билет. Минтип ойлогонун себеби, Айикени бир кездеги Айымдын кыз кезине катуу окшоштурат. Медалбек оюн бузуп:

- Адыгей, сен мага туура түшүн. Эгер көңүлүңө жакпаган сөз айтсам анда сөзүмдү кайра алдым. Баса, жүрү али эрте эле го Кыдыктын үйүнө барып, аны менен учурашканча сенин арзууңдун ээсин көрүп келели. Азыр убактым бар, эртең жолго чыгам. Бул айтылган сөз Адыгейге жакты, бирок ал жактан тилден жаңылып калбасам экен деген ойду ойлоп, ичинен кыжаалат боло түштү да, Медалбекке билгизбегенге аракети күч болду. Анткени Медалбек дагы бир кезде, Айикенин чоң энеси Айымды кандай берилип сүйдү эле. Каны катып суусаган адамдын болгон тилеги бир тамчы суу болсо, Медалбектин дагы болгон тилеги бир гана Айым болуп, тил ооздон калып берилип сүйгөнү чын. Качан гана Кыдык, Айымды алганда гана көкүрөгүн жеген көксөсү сууп, Айымды унутканга аракет кылган. Так ошол маалда Ташкентке окууга кетип, Айымдын турмушка чыкканын кат аркылуу билип, эки күн ыйлап, ыза болгон болучу. Анан катуу ойго алдырып санаа чегип жүргөн күндөрдүн бир күнү Зымырат менен таанышып калды. Зымыраттын жасаган мамилеси, кылыктана караган көз карашы, турган турпаты, жаңырган айдын келбетиндей терилген кашы, бакыракай музоо кирпик көзү, элпек кыймылы деги баардык жагынан Айымга окшош көрүнүп, болгон санааны кууп салып, кайра башка санааны башына алып келди. Эгер азыр Зымыратка үйлөнбөй калса, анда дале Айымга арналган арзуусундай ага карата болгон ашыктык сезими сакталып калат беле, ачык айтып болбойт.

Адыгейдин каршы болгусу келди, Кыдыктыкына чогуу барууга. Анткени Айикени көргөндө Медалбек дагы ашык болуп калышы толук мүмкүн экенин жүрөгү менен сезди. Мунун себеби, жетпей калган сүйүү барктуу экени турмушта маалым болгондой, ошол жаш кезинде ашык болгон Айымдын кайра жаш кезин Айикеден көрсө, Медалбектин сөзсүз кайра сезими козголушу толук мүмкүн. Эгер Медалбек, Айыкени өз көзү менен көрүп калса анда Адыгей дагы бир атаандашын таап алышы күтүлүп турганына көзү жетип, ачык эле айтты:

- Медалбек, сенден сураныч. Менин эле кыйналып, менин эле азап чеккеним жетиштүү го? - деп ойлойм. Дегеним, сен Айикени көзүң чалса, сен дагы ашыктык отуна кабылышың толук мүмкүн.

- Кантип?

- Анын себеби оңой эле. Мен сенден Айикени кызганган үчүн каршы болгон жокмун. Бир кезде сага окшоп мен дагы Айымга ашык болгом.

- Анын бул жерде кандай тийешеси бар?

- Тийешеси болгон үчүн айтып жатам. Айике азыр бир кездеги эле Айымдын көп жигит ашык болгон, кызылы-кызыл агы-ак болуп кулпуруп турган кезине куюп койгондой окшош. Ал турсун ошол кездеги Айымдан дагы ашыкча чырайлуу десем аша кетпейм. Бул сөздү укканда Медалбекти даана ой басты. Бир кездеги арзуусун эстеди. Чын эле канча жыл болду, Айымды көрө элегине. Ага ашык болуп, азап чеккенин кантип унутат. Азыр дагы кээде ойлоп коёт "эгер мен Айымга үйлөнгөн болсом, анда азыр кандай болот эле?" деп. Ойдон күлүк эмне бар. Адыгейдин айткан сөзүн эптүү көрүп, бир саамга үн дебей туруп, башын акырын ийкеп:

- Адыгей, сен абдан туура сөз айттың көрүнөт. Чын эле мен тээ жаш кезимден аял затына абдан жакын жан экенимди билем. Ушул жашка келгени Зымыраттын көзүнө канча жолу чөп салдым. Бирок баары бир ошол менин сезимимди козгогондор чогулуп келип, кемпириме жетпейт десең. Көрсө бул эркек жан аялга жеткенге чейин эле көкүрөк чаап аракет кылганы болбосо, аягы барып эле өз аялга жетпейт. Биринчи нике "улуу Алладан" - деп бекер айтылган эмес да. Сөз ушул жерге келгенде бою узун, кудум Кожомкул балбандай дене бою олбурлуу, далдайып көзгө абдан чоң көрүнгөн Капарбек, алдыдан чыгып калды. Бул киши бала кезинен тоодон түшкөн жок. Учурунда колхоздун жылкысын багып, бир кезде жакшы эле кадырлуу адам болгон. Азыр дагы коктунун ичине там салып, мал-жаны менен ал жакта. Сүйлөгөндө үнү корулдап, катуу чыгат. Анткен менен кээде мааниси жок сөздөрдү сүйлөп коёт. Ооба, балбан, баатыр, денеси чоң кишилер сөзгө мокок болуп, сөз сүйлөө маданиятынан артта калганы чын экенин жашырып болбойт. Бир акылман айткан экен "өтө чоң кишилерден акыл чыга бербейт, алардын күчү билегинде" - деп. Айтылгандай эле дүйнө жүзүндө элди көбүнчө бою узун эмес, боюу кыска адамдар башкарып келгенин эске алганыбыз оң. Капарбек өзү олбурлуу болгону менен абдан тартынчаак жана өтүмү жок. Учурашып ал-абалды сурашкан соң, Медалбекке кайрылды:

- Меке, сенде бир өтүнүчүм бар! - деди. Бала кезден теңтуш болгон үчүн Меке деп атады.

- Айт, кандай өтүнүч?!

- Улуу баламдын баласы мени тартып олбурлуу. Сенин бир уулуң милиция тармагында иштейт эмеспи. Иш таап берсе болот эле. Айтсам болбой милициянын окуусун окуду. Атайын сага шаарга барайын деген элем, сенин келгениңди угуп, уулуңдун үйүнө издеп келип сени таппай калдым. Макул көрсөң үйгө барып даам сызып кетпейсиңби? - деди, сөзүн чукул буруп. Медалбек бир саамга кабагы салыңкы ойго алаксып, жер тиктеп туруп калды да, анан күттүрүп, жооп бербей туруп:

- Капарбек, мен сенин өтүнүчүңдү аткарам. Сага ушундайда жардам бербегенде качан жардам берет элем. Балама сөзүм өтөт. Аны коюп балаң окуу жайды кандай бүтүрдү. Кийин уят кылбайбы?

- Ал жагынан кам санабай эле коюңуз. Менин баамымда балам уят кылбай ишти алып кетет. Азыр окууну окуган оңой болуп, ишке орношкон кыйын болуп калбадыбы. Тааныш-билиш менен гана ишке орношуу барган сайын адатка айланып бара жатат. Чоңдордон эч майнап жок. Көп сүйлөшөт дагы, ишке келгенде мажүрөөлүк кылып жатканына турмуш өзү күбө болуп жатпайбы. Менин баамымда учурунда Сталин абдан туура эле кылган экен. Катуу, кардуу ажо болбосо болбой калды. Демократия дегениң бул каяша айтуу керек дегенди эле билгизет экен, менин баамымда. Болбосо союз кезинде азыркы депутаттардай сөз талашуу деген жок эле жашоо өз нугунда өтүп жаткан. Башында калы бар жанагы Горбачев деген неме келди да, баарын бузду. Мени ойлонткон жайыт маселеси болуп жатат. Сөз такыр башка нукка бурулуп бара жатканда оңдой берди болуп айыл өкмөтү өтүп бара жатып, учурашып калды:

- Ассалам алейкум - деп. Айыл өкмөтү орто жашка барып калган, жапалдаш бойлуу, мурду чоң, сөздү эби менен сүйлөгөн, токтоо мүнөз күткөн, коңур үндүү, иш билги киши. Медалбек саламды алик алган соң:

- Камчыбек, бул айылда эмне кеп сөз бар? Айыл башчысы баарын билиш керек да, майда - баратынан бери.

- Эмне сөз болсун. Күндө эле талаш-тартыш маселе. Учурда жер маселеси катуу ойго салып жатат. Азыр дагы райондун борборуна шашылыш бара жатам. Аким жыйын кылат элем дегенинен кийим которуп алыш үчүн баскам - деп, шашылыш экенин билгизип жолуна түштү. Капарбек узата караган тейде:

- Ушуга окшогондор эл тагдырын чечип калат деген миң уктасам түшкө кирип, ойго келген эмес эле. Качан барсам компьютер ойноп олтурганын көрөм - деп, оюндагы сөздү айтып калды. Ушул сөздүн артында эле эмне деген сөз жатканын Медалбек билип:

- Капарбек, аны миң айтсаң дагы эми кайра баягы жашоо келбейт. Аны коюп жакшы карыгандын амалын ойлойлу. Менин иштерим бар эле, Капарбек, уулума айтып балаңды ишке орноштуруп коём. Алгач балаң мага жолуксун, үйгө келип деди. Карапбек сүйүнүп:

- Куру аякка бата жүрбөйт дегендей, бир семиз койду берип жиберем, уулум ишке орношуп калса деп күлө карады. Медалбек жактыра бербей:

- Мына ушинтип өзүңөр баштайсыңар, коррупцияны. Мага эч нерсенин кереги жок. Силерге, айыл элине жарыгы тийбеген уулдун кимге кереги бар деп, айтып сөз бүттү дегенсип нары басты.

*********

Айикеге ашык болгондордун саны барган сайын көбөйүп, көчөгө ээн баса албай, өзүнчө эле кысынган абалга кабылып калды. Аялы, баласы бар эркектер баш болуп, классташ балдары төш болуп кылгыра карап, сулуулугуна кызыгып жүргөндөрдүн жолугушууга чакыргандары тим эле көкөйүнө көк таштай тийди.

Ал турсун Адыгей карыянын дагы күндө алдынан чыкканы, баарынан да сыр бербей телмире тиктеп, билгизбегени менен кыйгач караган көз карашын акыркы күндөрү даана эле байкап, анын азап тартып жүргөнүн жүрөгү менен сезип, бир нерсеге түшүнө алба койду. "Макул жаш балдар кызыга карашсын, бирок тиги Адыгей атага эмне жок" деп, ойлогону күч алды. Билинбегени менен адам баласы эч качан жүрөктү алдай албайт. Жүрөк сезет жана жүрөк каалайт, аны эч алдаганга негиз жок жана алдап дагы болбойт. Ошол себептен адам баласы жүрөк каалаган адамды гана жактырары анык кеп эмеспи.

Жашоонун базарынан четтеп калган чалдын телмире караган көз карашынан Айике бир сырды байкап, анын аруу сезимин жүрөгү менен сезгени менен байкамаксан болуп учурашып өтөт да, аны сынай карап койгон адат таап алды.

Бул күнү дагы сабактан чыкканда атайын байкоо салды. "Жолумдан тосуп чыгат болду бекен" - деп, мектептен чыкканда эле, алгач ушул ойду ойлоду. Анткен менен кээде түшүнө дагы кире калып жүргөнү жаш жүрөгүнө тынчтык бербеди. Бирок бул жолу анын алдынан Жолбун карыянын уулу Кенжебек чыкты да:

- Айике, окууларың кандай? - деди. Анын минтип жолунан күтүүсүз чыкканы абдан эле көзүнө өөн учурап, көңүлүн чөгөрдү. Мунун себеби, артында физика сабагынан берген агайы келе жаткан болучу. Андан уялганы бир тең, үй-бүлөсү бар туруп Кенжебектин минтип ойдо жок жерден жолунаг чыгып салам бергени бир тең болду. Ушундай чукул жерден пайда болгон ыңгайсыз учур өзгөчө жаш кыздарды кандай уялтат. Берилген саламды алик алган соң, кызарып уялып кеткен Айике артынан келе жаткан агайы уксун үчүн атайын үнүн жогору чыгарып, карындашындай мамиле жасаган болуп:

- Жакшы байке, жеңем, инимдер жакшы жүрүшөбү? - деди, коопту карап. Мындай сөздү күтпөгөн Кенжебек азга тайсалдай түштү да, анан арт жакта келе жаткан агайды көрө сала:

- Айике, мен силердин үйгө бара жаттым эле, Кыдык ата үйдөбү? -деген болду. Эх, ушул сөздөн башка сөз айтат го деп күткөн Айике үнүн баштагыдан шаңдуу чыгарып:

- Чоң атам шаарга кеткен, эки күндөн кийин келип калат, азыр үйдө жок - деди.

- Анда убара болуп барбай эле койгонум туура болот турбайбы? - деп, сөз жалгап, жол бошоткон болду. Ушул сөздү эле күтүп турган Айике дароо кадамын тез-тез таштап, караанын ал жерден үзүп кетти да, жолдо бара жатып дагы ойго алаксыды "эми ушул эле жетпей турду эле" - деп.

Аңгычы эле күндөгү көрүнүш кайталанып, Адыгей карыя алдынан чыгып, бир башкача көз караш менен карады. Аттиң ушул көз караштын артында эмне деген азаптануу, эмне деген бериле караган мээримдин табы, эмне деген кумарлуу көз караш, эмне деген арзуунун азабы жатканын дароо байкап, дагы ичке жана жагымдуу үнүн менен салам берди:

- Жакшысызбы? - деп. Ушул үндү угуу үчүн жана ушул көрүнүштү көрүү үчүн кандай даярдык менен үйдөн чыкканын Айике эле болсо сезбей калмак беле. Кантсе дагы жараткан ургаачы жандын сезүү жана сезе билүү сезимин жогору жаратса керек. Чынын айткандай аял затындай сезимтал жан жок го чиркин, өзгөчө жаш кездеринде.

Батыштан соккон желге термелген карыянын чепкенинин этеги серпилип барып токтоду. Жок дегенде ушул жерден баары бүтүп шамал тоскоолун тийгизбей койсо эмне. Ушул жерден Адыгей карыяга шамалга серпилген чепкенинин этеги дагы ыңгайсыз абалды тартуулады.

Суктанса көздөр сулууга, суудагы балык дагы туйлайт белем. Көңүл чек арасын сактаган Адыгей карыя бул жолу дагы ашыкча эч сөз айтпастан арзыган кызын көргөнүнө ыраазы болуп, сапарын улап келе жатып, Кенжебекти көрдү. Аны көргөндө дароо кабагы бүркөлүп, ой-санаасы алеки саатта өйдө -төмөн болуп өкчөлүп не бир түркүн ойлор бир заматта ар нерсени ойлогонго түрткү берип жиберди.

Байталды кызганган үйүрдөгү айгырдай көздөрү жайнап, жетип барып желкеден алгысы келди. Бирок көзүнө Кенжебек чүкөсүн жоготкон баладай, кабагы салыңкы көрүнүп, анын абалына туура түшүнүп нары карай кадамын таштады.

Эх, жашоонун тынбай агылган дайрасы ай. Көрсө билинбей өмүр агымы эч кимге сезилбей дайра суусундай агылып өтөт берет тура.

Адыгей карыя эч оюна алган эмес, "чыканактай кызга ашык болуп, аны ар кимден кызганып калам" - деп. Бул да болсо ашыкча азап тартуунун жана жашоодон кетирген катачылыктын тарттырган бир кымындай түйшүгү экенин жашырып болбойт. Эгер учурунда тилди кысып, тилге сак болгондо балким бул көрүнүш жана бул азап тартуу башына келбей кыйгач башка жол менен өтүп кетет беле ким билет. Ооба, ашыктык азабын айтып жана жазып койгон оңой, бирок анын акылдан алган азабын тартуу эмне деген гана чоң түйшүк экенин башына келген киши гана билбесе, жөн адам билбейт. "Башы оорубагандын Кудай менен иши жок" - дегендей, ашыктык азабы башка келбеген адамдар үчүн бул илдет, бул азаптануу аларга албетте жеңил нерседей сезилиши турулуу иш.

Адыгей карыя адатынча көпүрөнүн кырына келип эки жакты карап турду да, дагы ой чүмбөтүнө алаксып кетти. Көз алдына азыр эле алдынан чыгып салам берген жаш сулуунун бой турпаты, карагандан көз тойбогон карагаттай көздөрү, шыңгырап чыккан тунук үнү, маралдай болуп боюн керип кылыктана баскан кыймылы, жарашыктуу кийген кийими, ак дайра болуп мелмилдеп, ак кайың болуп термелген кыздын сулуу турпаты, уяла караган көз карашы деги койчу сөз жетпеген көзгө толгон сулуулуктун, айланага көрк берген көркөмдүктү тартуулаган Айикенин элесин көз алдынан кетиргиси келбей ойго алаксып турганда курсагы жер чийген, ашыкча семиздиктин белгисин берген Матый жанына келип калды. Бул киши өз жашынан алда канча кары көрүнөт. Анткени толук кишилер көзгө чоң жана жашаган жашынан бир топко кары көрүнөрү анык эмеспи. Матыйдын бир гана ойлогону тамак. Анткени ошончо чоң курсакты тойгузуп, аны көтөрүп жүрүү эле эмне деген түйшүктүн белгизин берип турат. Адыгей карыяга салам берген соң, ал дагы баштагылар айткан сөздү кайталап айтты:

- Байке, эмне мынча арыктап алгансыз? - деп. Албетте денеден эттин качып көзгө арык көргөзгөн, баам салган кишиге ашыктыктын санаасы экенин танып болбойт. Санаа адамды билгизбей жеп, алсыздантып арыктатат. Адыгей карыя угуп жүргөн сөзгө кайдыгер карап, кыска жооп берди:

- Карылыктын келе жатканы эмеспи. Сен дагы карылык айылына келгениңде алдагы жер чийген курсагың тартылып, өзүңдөн - өзүң арыктайсың. Мен да бир кезде сендей болгом курсак байлап, чедирейип боюнда бар аялдай болуп, курсагым чыгып турчу. Эми минтип курсак тартылып, сен айткандай арыктап тамакка табит тартпай, күндө кемпирден уруш жеген адатка айланды. Бул сөздү укканда Матый күлүп:

- Мени аялым "тамакты аз же" - деп урушса сизди жеңе "тамак жебейсиң"- деп урушканы бул жашоонун тегиз эмес экенинен белги берип турганы го. Аттиң, байке, мени азапка салган ашыкча семирип кеткен болду. Жок дегенде эле мобул элдин көзүнө илинген курсагым эле кичине болсо эмне. Жакында мектептин жанынан бир сулуу кызды көрдүм. Ал дагы мени ушундай бир таң кала карады дейсиз, уялганымды айтпаңыз. Бул жалганда эркектин көзү өзгөчө аял затына тойбойт белем. Минтип курсагым жер чийип турса дагы, тиги көзгө илинген чыканактай сулуу кызды кылгыра карап калыптырмын. Уялбагандан өзүң уял болуп, тиги сулуу кыз менин кылгыра караган көз карашыман тартынып басып кетти.

Ушул сөздү укканда Адыгей карыя айттырбай эле билди ал кыз Айике экенин. Матыйдын айткан сөзүн укканда дагы оюу бузулду, ниети карарды, жанында чедирейип, көзгө комсоо көрүнүп турган Матыйга карата. Анын акыркы айткан сөзүнөн кыйкым табып, бир нерсе деп айтайын деп ойлоп, оозуна ылайыктуу сөз келбей койду. Аттиң, ашыктыктын ар нерсени ойлонткон азабы ай, билинбегени менен адам баласын ар кандай жол менен калчап, ар кандай ойду ойлонтот белем. Эч сөзгө келбей өңү бузула түшкөнүн байкаган Матый:

- Адыгей байке, сизге эмне болду деги? Дароо эле кабагыңыз бүркөлүп, мурдуңуз кыпчыла түштү го. Адыгей эч сыр бербей:

- Матый, мен сага туура түшүнөм. Бирок алигидей сөзүңдү сыртка чыгарып айтпа да. Азыр адамдар бир сөздү көркөмдөп миң сөз кылып кооздоп айтып, сөз ташып калган. Эртең эле эгер менден башка бирөө укса айтып чыгат, алиги айткан сөзүңдү бурмалап " Матый өз жашын билбей, жаш кызга көз артып калыптыр" - деп. Анан элдин оозун тыйып көр. Ушак сөз уга албай тургандардын чырагына май таамп, аз убакыт өтпөй эле гезитке чыгып каласың. Азыр кабарчыларың дагы жаңылык таба албай эле араң турушат. Баары бүтүп эми гезиттер "биринчи түнүң кандай өттү эле" - деген теманын тегерегинде жазып калышыптыр. Ушул эми кантип болсун. Матый калп күлүп, эки жакты аяр карап алып:

- Адыгей байке, сиз абдан туура сөз айттыңыз, бирок азыр билесизби сүйүү дагы жашарып калганбы деп калдым. Тиги көчөнүн башында жашаган Максүт төшөк жаңыртыптыр, алган аялы тим эле жутуп жиберчүдөй сулуу жапжаш келинби же кызбы айтор, карагандан көз тажабайт десеңиз. Союз тараганы кимдин-ким менен иши болуп калыптыр. Айткандай союз учурунда качан болду эле, коштоп катын алган. Колуңуздан келсе сиз деле жаш аял алсаңыз болот, аны менен кимдин иши болуп жатыптыр, эл айтып-айтып тим болот деди эле, Адыгей карыя көзүн бакырайтып:

- Матый, койсоңчу, кайдагыны айтпай. Максүт экөөбүз бир жылы туулганбыз да. Ал турсун мектепте бирге окуганбыз. Анан ушул жашында жаш аял алыптырбы?! - деди, кызыгуусу арта. Ушул сөздү тим эле чын ниетин коюп, абдан берилүү менен айтты да, бир жагынан ичинен сүйүндү. Сөз ушул жерге келгенде Матыйды көчөнүн наркы өйүсүнөн Бектен чакырып калып, сөз үзүлүп калды эле, курган карыяга Матыйдын айткан сөзү жагып, кандайдыр бир алдыдан үмүттүн шамы күйгөндөй болду. Көз алдына дароо Айике келип, аны аялдыкка алып жатканы тартылып да кетти. Ой кандай күлүк, жарыктык. Ой менен адам баласы кандай гана жетпеген нерсеге жетет. Андан дагы өзгөчө жапа чегип турганда адам баласы бир гана үмүт менен жашап калаарында эч шек жок го чиркин! Адыгей, курдашы Максүттүн алган жаш аялын, азыр жетип барып көргүзү да келип кетти. Ал турсун ал курдашына кызыгып "кантип эбин таап аял алды болду экен?" - деп да ойлогонго үлгүрдү. Эх, билинбегени менен жаш аялдын деми ай! Эркектердин карыса деле болгон ой тилеги аялда болот белем. Ушул себептен илгери сынчылар кээ бир балдарды сынаганда "ашыкча аял жандуу экен, элге көп жарыгы тийе бербейт" - деп бекеринен айтышпаса керек. Мунун себеби аял жандуу эркектердин болгон дитин өңдү - түстүү аялдар ээлеп алары чындык экенин танып болбойт. Адыгей аял алуу жөнүндө ойлонуп кетип, депутаттар жаш алган аялдарынан колдору бошобой, өкмөттүн иши экинчи орунга жылып калган үчүн, иш алдыга жылбай жатканын учкай ойлогонго да жетишип жиберди. Таттуу кыялга жетеленип, ойго алаксып турганда, Матый кайра келип:

- Байке, жүрүңүз, тиги Бектендин улуу кызы шаардан келиптир, "базарлык бар" - дейт, бирге барып базарлык жегенче, шаарда эмне кеп бар угуп келели - деди. Ооба, тамакка соргок кишилер үчүн тамак чыккан жерге шашып калары бышык экенин, Адыгей ушул саам байкады. Себеби Матый тим эле чоң иштен калып жаткансып катуу шаштырды. Ал эми өзү болсо Максүт курдашынын жаш аялын көргөнгө куштарлыгы артып, Матый менен катар бирге басканга көңүлү чаппай турду.

Курсагы жер чийген Матый чыканактан алганда, гана айласы жок аны менен бирге басканга макул болду. "Жалкоонун тили эч чарчабайт" - дегендей, Матыйдан өткөн жалкоо киши жок, анан тили тим эле буудай кууруйт го чиркин. Адыгей катар басып бара жатып "Матый ушунча сөздү кайдан табат?" - деп да ойлоду. Айткандай Матый өзү толук киши болгону менен үнү чыйылдап аялдардыкындай ичке чыгат, андан дагы мааниси жок сөздөрдү сүйлөй берген башы менен бирге кетчү адаты бар.

Акыры ээрчишкен экөө барчу жерге да жетип келишти. Бектен жапалдаш бойлуу кара киши, балдарына карганда кыздары күйүмдүү. Казаны берекелүү, тасмалы жыйналбаган, меймандос, пейили кенен, маңдайы жарык жакшы киши.

Качан болсо үйүнөн эл карааны өксү болбойт. Бул жолу да үйдө киши бар экен. Адыгей карыялар келгенде баары олтурган орундарынан тура калышты. Баканын өзү чөлдө болсо да, көзү көлдө болгондой, Матыйдын эки көзү тасмалдан өтүп кетти. Орун алып отурушканда, таш жарып чыккан тоо гүлүндөй жайнаган Бектендин шаардан келген кызы көздүн көркүн ачып, ичкери үйдөн чыгып сылык учурашкан болду. Боюна жарашыктуу кийим кийген Гүлайым тим эле көзгө айдан түшө калган перини кызындай эле көрүндү.

Кара күчкө саламды алик алып, ал жайды сурагандары менен баары ичтеринен кыздын турпатына кызыгып тургандарын, жайнаган көздөрү эле айтып турду. Адыгей карыя сыр бербей Гүлайымдын сулуу келбетинен Айикенин элесин издеди. "Дене карыганы менен жүрөк чиркин карыбайт экен го" - деп ойлоду, жанында катар олтурган Капештин кыздан көзү өтүп, кылгыра карап турганын байкап. Капеш, Адыгейден болгону эки жашка кичүү, бирок учурунда укмуш кыз жандуу эле. Аял дегенде ичкен ашын жерге коё койгон адаты бар. Азыр дагы оозунан дале аялзаты түшпөйт. Шаардан келген жеңил желпи кийинген кыз-келиндерди көзү чалып калса, көзүн албай узата карап калган адаты бар. Бул эми жаш кезден калган кулк мүнөзгө сиңип калган адаты эмей...

Ал эми Матый эбак бедеге кирген уйдай, жанындагылардын көзүн өзүнө бурган кызга көңүл бурмак турсун, карап да койбой болгон дити тамакта болуп, эмне сөз сүйлөнүп жатканын уккан да жок. Адыгей карыя Гүлайымга аста көз агытып, кулагына көлөккө түшүп калганын байкады. Бул белги менен "кыз" деген гана аты бар экенинен билип койду. Анткен менен Гүлайымдын көз караштары Айикеге окшошуп кетээрин байкап калды да, чукул жерден суроо өзүнө карата берилип калганда ой кучагынан бошонуп, берилген суроого жооп бергенге үнүн жасап жөтөлгөн болду:

- Мен жетимиш жетинчи жылы жылкычылык ишти өткөрүп берип, кой бакканга кириштим. Бирок талаа-түстө көп жүргөнгөбү, кээде муундарым ооруп калчу болду. Сөз ушуну менен уланып, Максүттүн жаш аял алганына да келип жетти.

- Максүт төшөк жаңыртыптыр дейби? - дегенде, Адыгей карыя ушул эле сөздү уга албай тургансып, дароо эки жакты карады "ким эмне деп айтат" - деген таризде. Сөздү Капеш улады:

- Ооба, мен кечээ анын никесине катыштым. Алган аялы тим эле бышып турган алмадай мөлтүрөйт десең. Андан дагы ал байкуш жаш кезинен динге берилген немеби, айтор жоолугун абдан эле чүмкөнүп салынгандай көрүндү, көзүмө. Бирок ал жаш келиндин бир мандеми бар болсо керек, болбосо карыган чалга тийгенге эмне мынча ашыкты болду экен, аны ким билет? Сөздү Жамбыл алды:

- Капеш байке, азыр билесизби, жаш кыздар адамдын жашына эмес, байлыгана карап калган. Бул сөздү укканда Адыгейде дагы бир жаңы ой пайда болду. Жамбылдын айткан кебинде эч калет жок . Анткени француз драматургу Марсель Паньолдун " короосунан үрүп чыгар ити жок эркекти сүйгөн аялды, өмүрүмдө көрө элекмин" деп айткан сөзүн эстеп, Жамбылдын айтканын туура көрдү эле Капеш сөздү бөлүп:

- Ой, ошол Масүттүн эмнеси бай? Анын болгону оозу гана сайрап, тили эч чарчабайт. Болбосо, атасынан калган тамды жаңыртып алса кана? Баккан малы дагы кыштан эптеп чыгат. Жайында тоютту дагы аз камдагандыктан малы жазга көтөрүм болуп араң жан эле чыгарын баары билет. Анан аны "ким бай" деп айтат. Бектен кабагын чытып:

- Капеш байке туура айтат. Кечээ эле менин үйүмдөн малдын кашегин алып кетти. Былтыр дагы алган. Ошол Максүткө тийген кыздын дагы шору көп экен. Балким аны дагы бал тилине салып алдап алып келсе керек. Баса, Максүттүн атасы дагы көп аял албады беле. Атасынын канына тарткан го, андайларга аял дагы бат табылат эмеспи. Айткандай кечээ Кыдыктын мектепте окуган кызына жуучу түшүп келишиптир дейби?... Айтмакчы кыздын ашыкча чырайлуу болгону да курусун деди эле, Адыгейдин көзү чакчайып, өңү бузулуп бир башкача Бектенди карап калды.

***********

Тоо алдында жайгашкан кичине айылга өмүрдүн дагы бир таңы атып, жаңы күндүн келгенинен белги берип, тоо башынан күндүн нуру чачырады. Аппак карга чагылышкан күн нуру көзгө бир укмуш көрүнөт десең. Таң эрте ойгонгон Айике сабакка баруу үчүн даярданып, сыртка чыгып таңкы көрүнүштү көзү толо карап туруп ойго алаксып кетти. Анткени акыркы кездерде түшүнө эмнегедир эле Адыгей карыя көп кирип, ойго термелте баштады. Бирок ал киши эмнеге эле түшүнө кирип жатканына түшүнө берген жок. Кадамын акырын таштап, ажааткананы көздөй бара жатып, өзүн телмире тиктеп турган Адыгей карыяны көзү чалып, эмнегедир жүрөгү бир нерсени сезгенсип, андан көзүн ала качып, кадамын тездетип ажаатканага киргенче шашты. Ушул саам даана сезди, ал киши өзүн арзып калганын. Болбосо, "эмнеге мынчалык талып, көз албай телмире карайт" деген ойду ойлоп, сыртка чыгып аста көз агытып алиги ордунан аны көрө алган жок. Балким көзүнө көрүнүп кеттиби, ким билет? Бирок аны даана эле көрбөдү беле... Эми кайда кетип калды деген ойдо, ал кишини огородунан көзү менен издеди. Эх, жашоонун түгөнбөгөн жана билинбеген сыры менен чыры. Адам баласын эмне деген гана ойго жетелебейт. Айике азыр эле болуп өткөн көрүнүшкө таң калып, ойго алаксып сууга жүзүн чайып, таңкы нарга олтурду. Бирок оюнун баарын бир гана Адыгей карыя ээлеп алды. " Ушул кантип болсун, ал киши менин чоң атам менен тең киши да, кары киши дагы кичине кызды телмире карайбы?" - деген жообу жок суроолорго алаксып жатып, куюлган чайын төгүп алды. Бул жалганда жашбы, карыбы баары бир ашыктык азабына гана сүңгүп берилет. Аны танып да болбойт. Айикени апасы урушуп калды:

- Кызым, сага эмне болду, көзүңдү карабайсыңбы? - деп. Ооба, мурунку күнү эле ушак сөздүн устасы, шыпылдап сүйлөгөн, баскан кадамы да жорголоп тез шилтенген, сөздү бурмалап, көркөмдөп, адамды ийитип айткан Айжаныш жеңеси келип:

- Жылдыз, байкасаң боло деги, энедей болуп. Бул кыз баланын чырайлуу болгону дагы курусун. Айике кызыңа сак болсоңчу, мектепти бүтүрбөй ала качырып жибербегендей бол! Жылдыз таң калып:

- Жеңе анча эмне болду? - деди эле, Айжаныш кейпин бузуп:

- Мен жаман ой менен айткан жокмун, сен эч нерсени билбейт турбайсыңбы? Билсең кызыңа боз баш балдар эле эмес, катыны бар кишилер дагы көз арта башташыптыр. "Уккан кулакта жазык жок" - дейт, жакында кызыңа куда түшүп келе тургандар да бар экен! Ушунчаңда кызды башка жакка алып кетпесеңер, жөн коюшпайт го? Айыл эли бүт сенин кызыңдын чырайына кызыгып, кеп кылып жатышат. Азыр эркектерге эмне, кыларга иш жок, көчөдөн өткөн кыз-келиндерге көз агытышып, көздөрү кызарып эле турат, ыгы келсе эч кимди көзгө илбей, көзгө сулуу көрүнгөн кыз-келиндерди баса калгандан кайра тартпайт. Укканыма караганда Жолбун карыянын кичүү уулу алган аялын кетирип жиберип, "эми Айикени алып бергин" - деп атасын кыйнап жатыптыр. Ушул кантип болсун. Азыр Айике секелек кыз эмеспи!? - деди. Эх, ачуу сөздү күчү ай? "Адам курсагынан эмес, кулагынан арыктайт" - дегендей, Жылдыз кызынын дарегине карата бул сөздөрдү укканда, мык басып алгансып чочуп кетти да, ак жүзү кызарып, ачуусу келгени жүзүнөн билинип:

- Жеңе, коюңузчу, кайдагы сөздү айтпай?! - деди эле, Айжаныш:

- Ой, деги сенин кулагың бир нерсени угабы, аялдай болуп? Мен кантип эле калп айтып калайын. Жолбун карыянын кошунасы Келдибек карыянын үйүнө тынчтык бербейт экен, мас болгон күнү терезесинин түбүн туруп алып "Айикелеп" кыйкырып. Андан дагы ал баласы мектепти айланчыктап, Айике сабактан чыкканда жолугууга батына албай, алдынан чыгып карайт имиш. Ойго келбеген сөздөрдү укканда Жылдыздын кабагына кар жаап, эми гана билди кызынын айткандай эле чырайлуу экенин. Чын эле "сулууга суктанбаган ким болуптур" - деген ойду ойлоп, "кызыма көздүнүүн көзү, сөздүүнүн сөзү тийбесе экен" - деп, дагы ыкчам ойлоно калды. Айжаныш кеткенден кийин, сырт кийимин кийип алып, кызын аңдымакка мектепти көздөй кадамын таштап бара жатып, ойго алаксыды. "Кызым эрге эрте тийсе, анда көргөн күнү эмне болот" - деп, мектепке келип, кызын күтүп турду. Бирок бул жолу Айжаныш жеңеси айткан сөзгө ылайык эч кооптуу нерсени байкай албай кайра келген. Анан азыр кызынын чайды төгүп алганынан шектенип:

- Кызым, деги сага астыртан сөз айтып, жолугушууга чакырып жаныңды койбой жаткан бирөө жокпу деги? - деп кызы күтпөгөн суроону берди эле, Айике таң кала карап:

- Мени ким карамак эле? Азыр менин жолугушуу эмес, окууга өтүү негизги максатым. Чайды төгүп алсам эле бир нерседен шекший бересизби? Жылдыз кызынын сөзүнөн эч кандай маанилүү нерсени байкай алган жок. Ал турсун мурунку күнү атайын аңдып барып дагы эч нерседен шек ала албай келип, бул жолу сынамакка суроо берип текшерип көрүп, кызынын сөзүнө ыраазы боло түштү да:

- Билбейм деги, оюң ордунда эместей? - деген болду, үнүн жай чыгарып. Айике бир чыны чайды шашып ууртап, ичип болуп ордунан туруп бара жатып:

- Апа, азыр илгерки силердин учур артта калган. Ал кезде заман башка болучу. Силердин учурда кыздар эрте турмушка чыкчу. Мени коюп, Айжан эжемди күйөөгө берип алгылачы! - деп, аталаш эжесинин кызын айтып, жооп күтпөй ички үйгө кирип кетти. Жылдыз бир чети кызынын сөзүнө жооп бере албай же ылайыктуу сөз таба албай олтурган ордунда, акчасын уттурган кумарчыдай шылкыйып олтуруп калды, кимге ишенээрин билбей.

************

Алтынчы күнү Кыдык шаардан келип, жаңы гана көчөгө басып барып келген. Бул убакта кечтин киришинен белги берип күндүн сапары карып, ылдыйлап калган эле. Эшиктин алдына чоочун машина токтоп, андан тээ илгери Айымга көз артып, ортого киши салган башкарма болуп иштеген Сагынбай, анан дагы эки киши түшүп, учурашкан болушту. Кыдык жеринен Сагынбайды абдан жаман көрөт. Аны көргөндө азыр дагы кабагы бүркөлө түштү. Анан кантет, никелүү аялын көз көрүнө талашкан кишини ким жакшы көрсүн. Берилген саламды ооз учунан алик алып, силерге эмне керек дегенсип суроолуу карады эле, Сагынбай карылыкка моюн сунуп калганын билгизип:

- Кыдык, кишинин үйүнө киши келет, киши сымал иттин үйүнө ким келмек эле. Тээ илгертен "конок менен ажал айттырбай келет" - деген кеп бар. Анысысыңары биз дагы сенин үйүңө жакшы тилек менен айтырбай келип калдык. Адам баласы болгондон кийин кемчилик кетпей койбойт экен. Билип турам, сен мени жактырбай турганыңды. Бул мансап менен байлык адам баласын кандай көптүрөт. Бир кезде мен дагы мансапка көөп, сенин көңүлүңө көлөкө түшүрүп, капа кылдым эле, эми минтип ошол күнөөмдү жууйун деген асыл ойдо сенден кечирим сураганы келдим. Кыдык бул жүйөөлү сөздү укканда азга жибий түштү да:

- "Көйнөктүн кирин жууса кетет, көңүлдүн кирин айтса кетет" - деген кеп бар. Мынча келип калган экенсиңер үйгө киргиле. Тээ илгертен эшиктин алдына келген кишини үйгө киргизбей койгон салтта жок. Азыр демократтия деген неме чыгып, ар ким билгенин айтып, улууну сыйлоо болбой, өзгөчө келиндер ооздон сөздү жулуп алган кезге келип калбадыкпы. Илгери эркек киши сүйлөп жатканда аял киши сөзгө кошулчу эмес эле, азыр баарын аялдар чечип, аялдар бийлеп, аялдар башкарып калып жашоонун кийинки сапары башка нукка түшүп бара жаткансып калды. Шаардан бүгүн эле келип, ал жактагы тилди булгап сүйлөгөндөрдүн жоругуна ичим абдан муздап, көңүлүм сынып келди. Баамымда береке айылда эле экен деп, темадан сырт сөздөрдү сүйлөп жиберди. Эгер азыр тиги келген кишилер Айикеге куда түшүп келгендер экенин билгенде, анда үйгө киргизбей сырттан эле кетирип жиберет болучу. Тасмал жайылып, бир чыныдан чай алдыга келгенде негизги сөз козголду. Буга чейин чын эле Жылдыздын ичи бышып, кабагы ачылбай, бир нерседен шек алып жаткан. Анткени жана түштө Айжаныш жеңеси келип айткан эле " бүгүн силердин үйгө конок келет, кызыңа куда түшүп" - деп. Ал айткандай эле бул чоочун кишилердин келгени такыр көңүлүнө жаккан жок. Күйөөсү Урмат дагы бир нерседен шек алып, чыдамы кете сөз күттү. Бир кезде Сагынбай карыя ээгине анча жарашпаган сакалын аста сылап алып:

- Кыдык, эми сен мынча болду сабырлуу болуп, биздин талапка көн. Атайын алыстан келгенибиздин бир жөнү сенден кечирим суроо болсо, экинчи жөнү сенин небере кызыңа куда түшүп келдик. Бул жанымда олтурган улуу балам. Шаарда салык тармагында иштейт. Ушул баламдын улуу баласы сенин небере кызыңды арзып калып, жаныбызды койбой койду "куда түшүп, башын байлап келгиле, ал кызды ала качып кете электе" - деп. Сөз ушул жерге келгенде Айике сырттан кирип келип калды. Сагынбай Айикени көргөндө көзү умачтай ачылып, бир кездеги өзү ашык болгон Айымдын жаш кезин көзү чалды. Аттиң, ошондогу арманын жазганга жана айтканга сөз жетпейт го чиркин!, Ашык болгон арзуусунун жок дегенде колунан бир кармай албай калганына азыр дагы өкүнүп келет. Эми минтип тагдырдын тамашасын кара, өзүнүн ошол абалын небереси кайталап калганын. Күтүүсүз сырттан кирип келген Айике ички жарасын козгоду, бир кездеги болгон окуяны эске салды, жаңы гана катып келе жаткан жаранын жаратын кайра сыйрып, жүрөгүн туйлатты. Эх, чиркин, азыр жашы жок дегенде элүүдө болгондо эмне, анда Айикени эч кимге билгизбей, жан адам көрбөгөн жакка алып кетип, сулуунун сулуу турпатына колун тийгизип, ак жүзүнөн каалашынча өбүп, жүрөктүн эңсөөсүн аткарат беле... Ашыктык сезимдин ачылбаган сырын ачып, болгон дүйнөсүн сатса дагы, көз жоосун алган сулуу менен калган өмүр сапарын бирге уламак беле ким билет. Мейли тоо башында болобу же чытырман токойдун арасында болобу, эч ким жолтоо болбогон жакка кетип калып, калган жашоосун бир гана ашыктык арзуусуна арнамак. Ооба, буга чейин башкарма болуп мансаптын кызуусуна батты, байлык кубалап, көр оокатты каалашынча чогултту, эл минбеген машинанын жаңысын минди, кийбегенди кийди дагы ичпегенди ичти. Эми минтип карыганда небереси ашык болгон секелек кызга көзү чалынып, оюу бузулуп турду. Эх, пендечилик. Көрсө адамдын бул жалганда байлыкка жана сулуу жанга көзү тойбойт экен го, карыса дагы. Сагынбай сөзүнүн аягына чыкканда Кыдыктын мурду кыпчылып, өңү кызарып, ачуусу келгени жүзүнөн билинип, оң колунун ачуусун сол колу менен басып, ылайыктуу сөз таба албай туттугуп турду. Мындан өткөн кордук барбы?- деги бул жашоодо. Бир кезде аялына көз артса, эми минтип небересине көз артып, уялып койбой сүйлөп олтурган Сагынбайга ачуусу келип, кабагы бүркөлүп, жер караган тейде мындай деди:

- Сагынбай, мен азыр салтты кармап жатам. Дегеним "үйгө келген кишиге катуу айтпа" деген кеп бар. Мен башка менен куда болсом дагы, сени менен куда боло албайм. Кызымды бермек турсун жаныңарга жакын жолотпойм. Кайсы бетиңер чыдап алдыма келдиңер. Бир кезде алган аялыма асылсаң, эми минтип бир оюндан башканы биле элек секелек кызыма көз артканыңар, калыс алып караган кишиге туурабы?.. Урмат бата тиле, болду сөз бүттү деп, уулуна карады. Сагынбай мындай сөз угам деп күткөн эмес эле, шагы абдан катуу сынды жана ылайыктуу сөз таба албай, бата тиленгенде айласы жок олтурган ордунан турду да, сыртка кадам шилтеп бара жатып уурдана кызды дагы бир жолу карап алды.

Аттиң жүрөк, дене карыганы менен кайран жүрөк жаш бойдон калат деген ушул белем. Кыдык сыртка чыкпай ички үйдө калып калды. Колунан алдырган куштай болуп, келген үчөө машинага олтурганча шашышты. Анткен менен Кыдык учурунда абдан таамай сөз айтып кутулуп кетти.

Айике тиги кишилердин эмне максат менен келгенин укканда көзүнө жаш алып:

- Чоң ата мен шаарга барып окууну аяктасам кандай болот? Мектепти али бүтө элегимде эле минтип куда түшүп келип жатышса, жанды коюшпайт го? - деди эле Урмат кызына карап:

- Кызым, эч кам санаба. Мен сени азыр күйөөгө бербейм, окууңду аяктап, чоң окуу жайды бүтмөйүн! - деди. Жылдыз кызынын бул айткан сөзүнөн бир нерсени байкап:

- Урмат! Айике туура сөз айтты. Айылда азыр кызыңа көз артпаган жан калбай калды көрүнөт. Салтка таяп ала качып кетсе, колдон эмне келет. Андан көрө көздөн далдоо шаарга барып окуганы эле дурус го? Дегеним шаарда аз болсо дагы ала качуу деген неме болбойт эмеспи? Урмат кабагын чытып:

- Алам деген киши шаар менен айылга карабайт. Кашыбызда эле болгону жакшы. Ансыз деле быйыл колдон чыгып, шаарга кетет деди. Баятан бери үнсүз олтурган Кыдык:

- Урмат, Жылдыз келиним абдан жүйөөлүү сөз айтты. Айике шаарга барсын. Болбосо мектепти бүтүрбөй ала качып кетиши да толук мүмкүн деп, катылып жаткан сырдын түйүнүн айтпай, кыска оюн ортого салды. Мунун себеби кулагы чалганы бар болучу, өзү дагы баамдаган эле кызына көз арткандар жалаң Айымга бир кезде көз арткандардын балдары экенин. Көрсө бул арзуу дагы атанын жолуна түшкөн балдарга жугабы деген ойдо болду.

***********

Айикеге куда түшүп келгени жөнүндө сөз уккан Адыгей карыя каткан казыктай какайып, талмасы кармаган кишидей бир жерди теше тиктеп, көңүлү чөгүп, катуу күү менен келген толкундар жээкте түгөнгөндөй, карыянын дагы айла амалы түгөнүп, мөмөсү төгүлгөн күзгү дарактай кунары жок боюн таштап, өңүнөн жылмайуунун изгини качып, жашоодогу базары ушул бир ооз сөз менен аяктагандай сезилди. Аттиң, ашыктыгың дагы курусун. Ушул жашында бир чыканактай кыз үчүн өйдө-төмөн өкчөлгөнү адамдык жүзүнө доо кетирип турду. Эгер жашы Айике менен теңдеш эле болгондо эмне... анда, ушул акыл эстен алган арзуу сезимин, ымыркай баласын баккан энедей аздектеп багып алат эл го? Бубакка доо кетсе, дарактын өзү ооругандай, арзыганы жөнүндө сөз укканда, илдетке кабылган адамдын абалында калам деп эч ойлогон эмес. Эгин үчүн жамгыр кандай керек болсо, Адыгей үчүн Айикенин даргенине жакшы сөз угуу ошондой керек болуп турду. Чапандууга камчы басса, көйнөкчөгө доо кетет дегендей, ушул жерден Адыгей карыянын дилине доо кетип, ичи муздап турду, көңүлү чөгүп турду. Чындап баам салып караган кишиге адам баласы үчүн ашыктык дарты чоң балээ экенин Адыгей карыянын ушул абалынан улам билсек болот.

Ар тараптуу сөздөр айтылып жатканы менен бири дагы Адыгейдин кулагына кирген жок. Матыйдын эс дарты тамакта болсо, Адыгейдин ой-санаасы Айикеде болду. Жүрөгү кысылып, аба жетишпегендей абалга келе түштү. Бирок азыркы анын абалын эч ким таназар алган жок.

Чөк түшүп жаткан төө баласындай, өзү менен өзү болуп, ичинен эзилип, бой келбети мында болгону менен кыял учкуну Айикеде болуп, канча жолу жолугушуу капкагын какканы менен арзуу эшиги ачылбай, ошого ичинен бышып, чоң ачылыш ача турган окумуштуудай мээси чыңалып, сөзгө кошулбай ойлонуп олтурганда, Капеш бир нерсени байкагансып:

- Адыгей, сага эмне болду? Кыдыктын секелек кызын айтканда эле өңүң бузулуп, ойго алаксып калдың, деги сенин бир каткан сырың бар? - деди. Бул суроону күтпөгөн Адыгей бир саамга үнсүз олтуруп, дагы ой чүмбөтүнө алаксыган болуп:

- Капеш, мени ойго салган такыр башка нерсе. Көрсө бул жалганда кээде тагдыр дагы кайталанат тура. Билесиңби? Кыдыктын ал небере кызы бир кездеги чоң апасы Айымдын эле куюп койгон келбети. Айымга дагы жаш кезинде канча эркек таана ашык болбоду. Эми ошол тагдырды небереси кайталаганына таң берип олтурам деп, олутуу сөз айтты эле, олтургандар коштоп кетишти:

- Туура сөз айттыңыз! - деп. Учурунда сөз таап кеткен кандай азаптан кутултат. Эгер азыр Адыгей карыя сөзгө чоркок болгондо, анда катуу сынып же уяты чыгып калат эле. Адам баласынын тагдырын кээде бир ооз сөз дагы чечип коёрунда эч сөз жок. Сөз мындан ары жарытылып деле уланган жок. Адыгейдин кабагы салыңкы үйдөн чыкса, Матыйдын курсагы тоюп жөн эле чоң жетишкендикке жеткен адамдай кабагы ачылып, түгөнбөгөн байлыкка ээ болгон адамдай жайдары үйдөн чыкты. Бектендин шаардан келген кызы Матыйдын абдан тамак соо экенин өз көзү менен көрүп, тасмалга эч нерсе калтырбай жеп кеткенине ичи ачышып:

- Матый байке деги тамак көргөн немеби? - деди эле, апасы бул айтылган сөзгө көңүл деле бурган жок. Анткени Матыйдын аялы менен бир айылдан болгон үчүн, баарын жакшы билет. Кызынын айткан сөзүнө анча маани бербей:

- Гүлайым, бул дүйнөдө улуу "Алла" адам баласын жаратканда баарын бирдей жараткан эмес. Матыйдын бир кемчилиги тамакты көп жегени болсо, калган башка жакшы сапаттары аны жууп кетет. Жакында атаңдын керегине жарап, көптөн бери бүтпөгөн ишин бүтүрүп берди. Ошого ичи жылып, атайын чакырып келсе керек.

- Анан ошонуку туурабы, тамак көрө элек немедей олтургандан турганга чейин оозу тынган жок.

- Анын кемчилиги тамакты көп жеген болсо, жанында олтурган Адыгей карыянын кемчилигин уксаң, төбө чачың тик турат. Ал киши карыганын билбей, азыр мектепте окуган кызга ашык болуп, санаанын үстүнө жүрөт. Бул сөздү укканда Гүлайым таң калып:

- Апа, кайдагы сөздү айтасыз да. Ал киши кыз сүйгөн кезден өтпөдүбү? - деди эле. Какен кызына карап:

- Ошону айтпайсыңбы. Мен дагы кечээ бул сөздү укканда таң калган элем. Эми өзүм ага күбө болдум. Жана Кыдыктын небере кызы жөнүнүндө кеп болгондо, ал киши кандай абалда калды. Аттиң, бул ашыктыгың кары жашка карабай келе берүүчү бир талашка түшкөн неме белем. Дагы жакшы ыгын келтирип сөз таап кетти, Капештин берген суроосуна. Болбосо даана уят болот эле. Мен кыйпычыктап эле олтурдум, чыр чыгып кетпесе экен деп. Гүлайым таң калып:

- Апа, киши карыганда дагы сүйүүгө кабылабы? Мен ушуну билбептирмин. Бирок сиздин айткан сөздөн улам бир нерсени эстеп кеттим. Бизде иштеген жаш анан абдан сулуу келинге, бир киши көпкө чейин келип жүрдү да, акыры ал келиндин жүрөгүн жибитип алдыбы, айтор ал келин бизде иштебей, иштен чыгып кетти. Какен кызынын айткан сөзүн бөлүп:

- Бекер айтылган эмес да "эркекке ишенгенче, эки босогоңо ишен" - деп. Тээ илгертен эле эркектер карыганын билбей чырайлуу кыз-келиндерге ашык болуп келген. Аны айтсам дагы таң каласың, тиги токсон экиге чыккан, айылдын эң улуусу деген Алтымыш карыя баласын кыйнап жатыптыр " мага аял алып бергиле" - деп. Ушул жашында ага аялды ким коюптур. Бир буту көргө салаңдап турган чалга ким тийет эле. Кеңешаалынын алты айласы кетип, шаардагы карылар үйүнө чейин барып кемпир издеп таппай келсе, атасы "мага жаш аял керек" дептир, күйгүзүп. Дымагынын күчтүүлүгүн кара. Бул сөздү укканда Гүлайым дагы таң калып:

- Апа, айылда ойго келбеген жаңылыктарыңар көп турбайбы? Анан тиги Кеңешаалы байке эмне кылды?

- Эмне кылмак эле, атасын алдап жатат "издештирип жатабыз" - деп. Атасы күндө жанын койбой сурап жатыптыр "Деги качан табасыңар? Эри өлгөн келиндер толуп эле жатпайбы" - деп. Анан биз эмнени айтып кеп кылабыз. Тигинтип депутаттар нике жаңыртып бири калбай жаш аял алып жатса, арам жол менен тапкан акчаларына чиренип. Министирлер жөн эле чалчактап көөп, теледен башканы сүйлөп коюшат дагы, мындай чыкканда башканы сүйлөп калышат экен, эки жүздүү болуп. Биздин айылдык Алмандын баласы министр болгону өзү эле эмес болон туугандары жер менен баспай калды. Ал дагы кечээ жакында жаш аял алыптыр деп укттук, ак маралдай созулган аялы, бой тиреген балдары туруп. Ал эми Адыгей карыя болсо карыганын билбей секелек кызга ашык болгону, бул жашоонун болуп жүргөн эле көрүнүшү. Азыр эч нерсеге таң калып деле болбой калды. Максүттү өзүң уктуң, нике жаңыртып жаш аял алганын, үй - бүлөөсүн бага албай эптеп жашап жүрүп. Бул жалганда ошон үчүн калыстык деген неме жок. Эгер калыстык болгондо, эркектер экиден - үчтөн аял алып, аялдар экинчи же үчүнчү аялы болуп тийет беле...

Сөз уланып бара жатканда сырттан Бектен кирип келип сөз үзүлүп калды. Гүлайым, Адыгей карыянын жоругун угуп алып эле абдан бушайман болуп, ичинен эзилип, таң калганы күч алды.

Адепсиз, тарбиясыз адамдар менен маектешкендин өзү адамдын дитин карартары анык. Алардын айткан сөздөрүн уккан кишинин ички таза ою, согуп турган жүрөгү дагы карарып, ыплас ойго кабылары турган иш. Бири-бирине сөзү төп келбеген адамга, бүтүндөөй аалам таардык кылса, ал эми ак дилдеш досторго бир карыш жер кенен болот. Гүлайымга азыр аалам тар сезилип, айылдаштарынын жоругун угуп алып, өзүнө-өзү батпай турду. Анткени шаардан уккан жаңылыктары менен айылдан уккан жаңылыктары такыр бири-бирине төп келбей, болгон дити карылардын, карылык сөөлөттөн тайып бара жатканына ичи ачышты. Атайын базарга барып азап менен көтөрүп келген азык-түлүгүн бир эле киши аймап салса, андан дагы токсондон ашкан карыя "аял алам" - деп оолукканы кантип дитин карартпайт. Ушул жерден Гүлайым дагы, Адыгей карыя ашык болгон Айикени көргүсү келип кетти "абышка арзыган кыз кандай неме болду экен?" - деп. Мунун себеби, бир кезде Адыгей карыянын ортончу баласы өзүнө сөз айтып, артынан көлөкөдөй ээрчибеди беле... Эгер ага тийип калганда, анда ушул сөздү апасынан укса эмне болот эле? Ооба, аял затын таң калтырган жаңылыктан өткөн чоң жаңылык бул жалганда болбосо керек. Баарынан дагы өзүнөн башка жанга сулуулук келбетти ыраа көрбөгөн кыз - келиндердеги катылып жаткан купуя сыр, эмне деген гана ойго жетелебейт. Ооба, Гүлайымдын деле эркек жанды карата турган чырайы бар, бирок минтип көз көрүнө абышкалардан бери ашык болуп жаткан, "сулуу" деп ооз толо айта турган сөздүн ээси болгон Айикени өз көзү менен көрбөсө, жаны жай алчудан болбой калды. Чынында эле аял затынан өткөн көйрөң жан болбосо керек . Көз жоосун алган сулуулар эле эмес, болгон аял заты, өзгөчө жаш кездеринде, көзгө илинип турган учурларында кандай азап тартып жасанышат, сулуулук сапатты сактап калыш үчүн.

Көрсө бул жалганда ар бир инсан анын ичинен сулуулар атаандашуу менен жашаарын жашырып болбойт.

Эртеси Гүлайым түш ченде мектептин жанына келип, тымызын Айикени көзү менен издеди "кандай кыз болду экен?" - деген ойдо. Эркектин көбү ашык болгон ал кызды көрбөсө жаны жай албачуудай. Таңды таң атканга чейин уйкусу да качып, бүт айылды ашыктык отуна кабылткан сулууну өз көзү менен көрбөсө, көксөөсү суучудай болбой калды.

Баарынан дагы катын - баласы туруп, бир Айике үчүн үй - бүлөөсү менен ажырашууга бел байлагандардын жоругун апасы көркөм сөзгө салып айтып бергени тим эле шаштысын кетирип, кабагына кар жаадырды. Байлар байлыкты бири-биринен кызганса, сулуулар дагы сулуулукту бири-биринен кызганып келгенин Гүлайым өзүнүн бул жоругунан улам билип, көзүн албай мектеп жакты карап турду.

Бир кезде топ кыздар менен мектептен Айике чыкканда, дароо эле билди, ушул кыз болсо керек деп. Бой келбети өзүнө жарашкан, кирпиги төгүлүп, күлгөндө өзгөчө чырайына чыга түшкөн Айике жөн эле асмандан түшө калган сулуу кыздай көрүндү. Баарынан дагы башка кыздардан айрымаланып, чын эле көзгө толумдуу жана айланага көрк берип турарын дароо байкап, ичи күйүп кетти "бул кызга кимдер ашык болбойт" - деп. Апасы айткандай эле абдан чырайлуу экенине жакшылап баам салып артынан бир азга ээрчий басты эле, классташ балдары шынаарлап, бир топко чейин узатып келишти. Андан соң, Адыгей карыяны көзү чалды. Кыз карыяга учурашты, карыя болсо ушундай бир мээримин төгө карап, сугу өтүп кетчүдөй тигилди. Анын көз карашынан даана билди, ашыктык отуна кабылганын.

Аңгыча эле бир бала кайдан - жайдан пайда боло калып, Айикенини жандай басты. Кыз жанына канчалык аны жууткусу келбесе дагы, жанын койбой сөзгө тартып, колуна бир барак кагаз берип кетти. Мунун баарын артынан басып келе жатып Гүйлайым байкап турду.

Ооба, чынында эле сулуулар турмушка чыкканга чейин өздөрүн кандай бийик сезет. "Боз баш баланын акылы жеткенче, секелектин сезими жетилет"-дегендей, Гүлайымдын көзүнө Айике тийишкендерге жасаган мамилесинен улам, жетилип калган, бир нерсени түшүнүп калган чоң кыздардай сезилип кетти.

Болбосо тиги жанына шынаарлап келген балага башкача мамиле жасайт эле.

Гүлайым үйүнө келе жатып, Айикенин сулуулугуна, анын кызыл гүлдөй кулпуруп турган турпатына суктанды. Бир кезде, тактап айтканда мектепте окуп жүргөн кезинди өзүн деле бир топ бала сөз айтып шынарлаган, бирок абышкалар жана чоң балдар мынчалыкка барган эмес эле. Көрсө бул жарыкчылыкта убакыт эмес, адам өтөөрүн билди. Бизге убакыт өткөндөй сезилгени менен билинбей жаш курак алдыга жылып, муун алмашып, кадам алдыга жылгандай муун алдыга жылып улам алмашып турарына Гүлайым бүгүн нак ишенди.

Эх, көрсө бул жашоодо "эч нерсе туруктуу эмес тура"- деген ойду ойлоп, жер карап өз оюу менен алек болуп келе жатканда, алдынан Айганыш курбусу чыгып учурашып калды. Эки курбу жакшы маанай менен учурашкан соң, узун сабак кепке кирди. Айткандай Айганышты акыркы коңгуроо болгон күнү ала качып алган, азыркы күйөөсү. Учурда эки баласы бар. Бул дагы ашыкча сулуу болгон үчүн турмушка эрте чыгып, азыр бала басты болуп боюна карабай калган кези. Бир кезде экөө көчө бойлоп басканда, кандай гана эркектердин көздөрүн талыта каратышчу эле. Эми ал сулуулуктары арта калып, сиңдилерине өтүп, минтип турмуштун шартына көнүп бири эне болсо, бири "кыз" - деген гана аты болбосо, таттуу даамын сордуруп жиберген кызыл гүлдөй кирпиги ылдый төгүлүп, билинбеген өкүнүч ичинен жеп келет. Ооба, Гүлайым али турмушка чыга элек, бирок чарк айланган шайтан көпөлөктөй болгон кыз жандуу бирөөнө алданып калып, алты айласы кетип жүргөн кези. Анткени ага ишенсе, анын үй - бүлөөсү бар экенин кеч сезип калып, ичинен түтөп арманын кимге айтаарын билбей, кабагы салыңкы. Канчалаган боз баш балдар көлөкөдөй артынан ээрчиди, бирок акыры тандаган тазга жолугат болуп, ошончо баланын ичинен Эштекке жолугуп калганын кара.

Эки курбу бир топко сүйлөшүп калды. Сөз арасында Айганыш:

- Гүлайым, арман аттын башындай. "Сүйөм - күйөм"- деп алган аяшың эми менден кызыгы тарап, мектепте окуган Айике деген сулуу кызга көз артып, болгон дитин ал кыз ээлеп алды. Азыр ошол кыз менен ооруп жатат. Колунан гана келбей турат, болбосо экинчи аял кылып аны алгысы келип жүрөт. Мына сүйүүнүн кадыры. Бул сөздү укканда Гүлайым анча маани бербей:

- Ал кызга бир эле сенин эле күйөөң эмес, абышкалардан бери ашык болуп жатканы мени абдан кызыктырды. Азыр эле ал кызды өз көзүм менен көрүп келе жатам. Байкасам чын эле чырайлуу кыз экен. Сен андан эч коркпо, убакыт алга жылса, унутулуп калчу нерсе. Билесиңби, бир кезде экөөбүзгө деле канча эркек ашык болду эле? Ал турсун бир келин келип урушуп кетпеди беле "жолуңар менен болгула, күйөөмдү азгырбай" деп. Азыр ошол окуяны эстесем күлкүм келет. Айганыш бул сөздү укканда кытылдап күлүп, Гүлайымды колу менен акырын түртүп:

- Ооба, аны унутуп калган турбаймынбы. Азыр сен айткандай ошол келиндин ордун мен бастым. Баягы ашык болуп жүргөндөр, мен турмушка чыкканы жаныма жоломок турсун, бойлорун жаа бою ала качып калышкан. Көрсө кыздын баркы турмушка чыкканга чейин эле турбайбы. Сөз ушул жерге келгенде Айганыштын кайын энеси чакырып калып сөз үзүлүп калды.

Гүлайым, курбусу менен кош айтышып бери басып келе жатып, кайра башка ойду ойлоп калды. Анткени чын эле анын күйөөсү кандай азап менен Айганышка үйлөндү эле. Орто жолдон ата-энелери кандай убара болушканына убакыт өзү күбө. Эми ошол нерсени эсинен чыгарып, эки баласын ойлобой, кайра жаш кызга ашык болгонуна көңүлү кирдеп, кабагы бүркөлө түштү.

Шаар менен айылдын жашоосун салыштырып болбойт. Шаарда кимдин ким менен иши бар. Ал эми айылда бирин-бири тааныган соң, ар бир кыймыл көз алдыда болот эмеспи. Гүлайым, көп нерсеге күбө болуп, кулак укпаган нерселерди угуп, таң калып калды. Анткени шаарга кеткени мынчалык узак убакытка айылга келе элек болучу.

*******

Айике шаарга кеткени өзгөчө Адыгей карыяга жаман болду. Жөн эле ээн талаада жалгыз калган адамдай коңултуктап, кабагы ачылбай, кыштын күнкү күндүн бетин булут баскансып түнөрүп, эч ким менен сүйлөшпөй, ичинен гана сызып, жер карап олтурган адат таап алды. Жүрөгү кысылып, бир нерсе жетпей тургансып, өңү дагы өзгөрүлө түштү.

Эки күн катары менен жол карап, Айикенин жолун тосуп чыкты. Бирок аны көзү чалбаган соң дароо эле бир нерсени жүрөгү сезип, акырын Кыдыктын үйүнө баш багып, сөз арасында сурган болду:

- Я, Кыдык, эмне куда түшүп келди дейби, небереңе. Ал кызың али мектепти бүтө электе эле?

Кыдык ушул суроонун берилишин күтүп тургансып:

- Адыгей, билесиң да, бул жашоодо "кыздуу үйгө жуучу келет" - деген сөздү. Бир эмес канча киши кызымдын колун сурады. Айикем чоң апасын тартып чырайлуу болуп, ага көз артпаган киши калбай калганда, "көздүүнүн көзү, сөздүүнүн сөзү тийбесин" - деп, шаардан окуганы жибердик. Баарынан дагы баягы башкарма Сагынбай келиптир, кызымдын колун сурап, небере уулуна. Аны көргөндө итатайым тутулуп, көңүлүм ушундай сынды. Кайсы бети чыдап алдыма келди, билбейм. Бир кезде кемпиримди көз көрүнө талашып, ит эле болбоду беле... Эми уялбай кызымдын колун сурап келиптир, катуу айтып жолуна салдым. Кыз баланын ашыкча чырайлуу болгону да курусун. Айикем чоң апасын тарткан тура. Азыр баштагы орус башкарган заман жок, жашоонун нугу дагы өзгөрүп, бийликтин да баркы кетти. Ар ким билгенин жасап калбадыбы. Тиги көчөнүн башында жашаган, сакалын батектикиндей кылып коюп алган Максүттүн төшөк жаңыртканын угуп алып эле, ошого тийген шорду кызга боорум ооруп жатат. Эгер союздун учуру болгондо жаш кызды, абышка алмак турсун, жанына жакын жоломок эмес эле да. Мына демократиянын бир үзүмү.

"Жаштар бузулду, жаштардан ыйман кетти" деп коёбуз, карыларды эске албай. Минтип карылар эки аял алганды баштап көргөзүп жатса, эртең эле колунда барлар чыгат эмеспи "Максүттөн эмнебиз кем, биз деле төшөк жаңыртабыз" дегенсип чыгышса, анан кантип жашоо оңолот.

Айтмакчы, илгертен бери эркек жандын көзү аял затына тойгон эмес. Сулайман деген пайгамбар үч жүз аял алган экен, эмне тапты. Аны коюп Чынгыз ханды эле алалы. Болгон жерди чаап алып, көзүнө көрүнгөн чырайлуу аял затын ала бериптир. Ал кез эми эски заман. Минтип техника өсүп, өнүгүп турган кезде коштоп аял алган болбогон нерсе. Анткени азыр илгерки заман жок да. Аял башкарып, аял билип калган кезде, Максүткө окшогондор абдан катуу жаңылышат. Сөз бир топко узарып бара жатканда Адыгей карыя сөздү бөлүп:

- Кыдык, мен кечээ Максүттүн үйүнө барып, кызыгуум артым, анын алган жаш аялын өз көзүм менен көрүп келдим. Бул сөздү укканда Кыдыктын кызыгуусу арта:

- Анан? - деп, чыдамы кете сурап жиберди. Адыгей сөздү улап:

- Бул буйрукка айла жок экен да. Анын алган жаш аялы кээ бир жаңы үйлөнгөн балдардын аялдарынан алда канча чырайлуу анан абдан жылдыздуу жан экен. Аны Максүт кантип таап алды дагы, ал курган келин кантип Максүткө тийгенге макул болуп калды, ошого жооп таба албай, башым катты. Тим эле жутуп жиберчүдөй сулуу келбети бар экен. Кыймыл аракети, жасаган мамилеси адамды өзүнө буруп турат десең. Ал бой келбети келишкен келинди мен Максүткө ыраа көргөн жокмун. Балким кыз тийдиби, ким билет?

Бул жашоодо бирөөлөр акчадан жолдуу болсо, бирөөлөр аялдан жолдуу болот белем. Максүт калп айткан менен болобу аялдан абдан жолдуу экен. Дегеним аялы экинчи аял алганга уруксаат бергени эле эмне... Башка кишинин аялдары экинчи аял алганга жол бермек турсун, бир күн үйгө түнөбөй калса, чыр салат "кайда бардың?" - деп. Бул сөздү укканда Кыдык башын ийкеп:

- Сен абдан туура сөз айттың. Максүт тээ бала кезден бери эле сүйүүдөн жолдуу. Эсиңдеби, баягы Чырмаштын үйүнө келген сулуу кызды. Ал кызга кимдер гана ашык болгон жок, бирок бир гана Максүт ал кыздын тилин таап, ага жолугуп жүргөнүн. Чынын айтсам ошондо мен Максүткө абдан кызыккан элем. Азыр дагы ага кызыгып калдым. Ушул жашында аял алганын карасаң, ойго келбеген иш. Билесиңби, кандай эркек бактылуу? Адыгей башын көтөрүп:

- Билбейм? - деп кызыгуусу арта жооп күтүп калды эле, Кыдык:

- Жүрөк каалаган аял затынын тилин таап, аны багындыра билген эркек бактылуу. Бул жашоодо эркекти эмне үчүн жараткан, аялдын көңүлүн таап, кыйынчылыктан жол таба билүү үчүн. Азыр эле башкача сөз сүйлөп жаткан Кыдык, ар бир айткан сөзү менен өзүнүн дагы төшөк жаңыртканга көңүлү бар экенин билгизип алды. Аттиң, тилдин душмандыгы ай. Адам баласы тилден көп жаңылат эмеспи. Кыдык дагы тилинен жаңылып, небересине ашык болуп, анын караанын бир көргөнгө зар болуп турган Адыгейдин алдында сыр алдырып койду. Көрсө бул эркек аттуунун денеси карыса дагы, жүрөгү карыбайт белем. Сакалдуу болуп, сый көрчү кездеринде минтип аял алууну эңсеп тургандары эле, учу түгөнбөгөн сөздү айтып турат го. Адыгей карыя Кыдыктын үйүнөн чыгып келе жатып ойго алаксыды " Кыдык деле мендей эле жан турбайбы, эч ким жетпеген Айымдай сулууну алганы менен, ал деле жаш аял алганга куштар экен го" - деп ойлоп, үйүнө келди да, Айикени эми күндө көрө албасына көзү жетип, кабагы бүркөлө түштү. Курган жүрөктүн эңсөөсү. Аны чын эле башкаруу кыйын белем. Адыгей карыя убакыт алга жылган сайын оорусу күчөгөн илдет адамдай такыр эле алы кетип, кабагы ачылбай, шаабайы сууп, көзгө бир башкача көрүнүп калды. Кемпири Жибек жан алы калбай чарк көпөлөк болуп айланып, эмне деген гана дары бербеди, бирок Адыгей карыя сырын айткан жок. Кудум кырк күн суу ичкен адамдай ырайы кетип, арыктап, эти сөөгүнөн качып, баштагыдан баам салып караган кишиге карый түшкөндөй көрүнүп кетти.

Адыгейдин бир гана дарысы жүрөгүн ээлеп алган Айике экенин эч ким элес албады. Ооба, эгер азыр Айикени алып келип жанына койсо, кадимкидей аны көргөндө өзүнө кубат аларын өзү гана сезип, билип турду. Бирок кантип жана кайсы бети чыдап айтат эле "менин дартым "арзуу" - деп. Айикени көп ойлогон үчүнбү, күнү кур эмес түшүнө кирип, болгон дитин бир гана жаш кыз ээлеп алып, азапка салып жатканы али табышмак бойдон ичинде катылган сыр болуп жашап келет.

Түн ортосуна чейин уйкусу качып, уктай албай жаткан Адыгейдин оюна эми гана Медалбек келди. Шаарга барып ага жолугуп, ал аркылуу Айикени көрбөсө, жаны жай алчудан болбой калды. Бул ойду ойлогондо чоң ачылыш ачкан окумуштуудай катуу сүйүнүп, баалуу буюмун таап алган адамдай көңүл кушу ойгонду. Мына чыныгы сүйүүнүн, чыныгы арзуунун, чыныгы ашыктыктын күчү, илеби, сагынычы адам баласына берген таасири.

Эртең менен таңкы наарга олтурганда Адыгей сөз улады:

- Кемпир мен шаарга барып, доктурга көрүнгөнчө алаксып келбесем болбой калды көрүнөт. Түндө түшүмө Медалбек курдашым кирип "шаарга келип кет" - деп чакырып жатыптыр. Мен барып доктурга болбосо дагы курортко барып эс алып келейин. Балдар жолдомо таап беришет чыгар. Бул сөздү укканда Жибек туура көрүп:

- Барсаң бар. Чын эле курортко барсаң жакшы болот эле. Ысык-Ата курорту жакшы деп угам деди. Эх, абышкасы үчүн баарына кайыл болгон Жибектин бул жоругу эле аял затынын улуулугунан белги берип турганын кантип эске албайбыз.

**********

Шаарга келип окууга киргени менен Айикенин дагы кабагы ачыла койгон жок. Эмнегедир эле айылда бир асыл буюму калгансып, өзүнчө эле алагды боло берди. Анткени ал дагы күндө жолун тосуп чыккан Адыгей карыяга көнө түшкөн белем, анын тигиле караган көз карашын көргүсү келип, ичинен бушайман боло баштады. Балким бул чыныгы сүйүү илеби түрткү берип жатабы ага толук жооп таба албады. Канчалаган балдар көз артты, бирок эмнегедир эле алардын бири дагы эсине келбей, бир гана карыянын турпаты, кылгыра караган көз карашы, жолун тозуп чыкканы көкүрөгүн ээлеп, көз алдына тартыла бергенине таң калып, ичинен эзилди.

Баам салган кишиге бул жашоодо чыныгы ыклас коюп жасалган аракетин мээнети калпыс кетпейт белем... Эмне үчүн ашыктык сөзүн айтып, тегеректеп жүргөн балдар же аялдары туруп сөз айткан жашыраак жигиттер оюна келбейт дагы, бир гана Адыгей карыя болгон дитин ээлеп алды, маселе мына ушунда болду. Айике али жаш болсо дагы бир нерсеге толук түшүндү. Ал чыныгы арзуунун берген азабын жана анын түйшүгүн көтөрө билүү экени. Баарынан дагы таң эрте ажаатканага бара жатканда өзүн суктана карап турган карыянын элеси, эмнегедир көз алдынан кетпей, ал көз караштан көп нерсени байкап, өзүн арзып калган карыянын ашыктык сезимине боору ооруп келет. Кантип анын тарткан азабын сезбейт дагы туйбайт. Ал киши арзуусун айта албаса дагы сезими менен билгизген үчүн, оюнан кетпей жатканын анализдеп ой жүгүртүп көрдү. Ооба, айтылбай жасалаган иштин жемиши берекелүү болгондой, сыр болуп катылган сүйүүнүн баркы жогору экенин танып болбойт. Канчалык башка нерсени ойлоюн дегени менен баары бир болгон дитин бир гана карыя ээлеп алганын жашыра албай калды. Балким карыя өзүнүн тарткан азабы менен же дайыма ойлой берген таза сезими менен өзүнө тартып жаткан чыгар деп дагы ойлоду. Болбосо жапжаш болуп туруп абышкага арбала тургандай Айике жеңил ой кыз эмес.

Бир күнү сабактан келе жатып, Адыгей карыяга окшош абышканы көзү чалып калды да, дароо көзү умачтай ачылып, ал абышканы карап калды. Ушундай да окшоштуктар болот белем. Тим эле куюп койгондой окшош экен, болгондо дагы кийген кийимдеринен бери. Аны көргөндө, кадамы өзүнөн -өзү ал жакты көздөй шилтенип, жакын келди да, башка киши экенин билгенде, алтын деп таап алган буюму, жез болуп калган адамдай супсууну сууй түштү.

Анткен менен бир жагынан ал киши Адыгей карыя болбой калганына ичинен сүйүндү. Себеби, ал чын эле Адыгей карыя болуп калса аны менен кантип учурашып, кантип көрүшөт эле. Ушул ой оюна келгенде, кайра артка кадам таштап келе жатып, жаңы окуган жеринен классташы Марселдин жасаган мамилесине көңүлү өсүп, аны эстегенге үлгүрдү.

Сабакты жакшы окуп, сылык сүйлөгөн, жанынан кетпей шынаарлаган Марсел айылдагы балдардай жактырып калганын орой билгизбей сыпаа билгизгени, эмнегедир көңүлүн көтөрдү. Бирок баары бир аны ойлоп, Адыгей карыяны эсинен чыгарып салууга канча аракет кылса дагы, минтип ага окшош кишини көрүп алып, акылын башкара албай элүү кадамдай басып келгенине таң калып, "сүйүүнүн күчүбү" - деп ойлоп койду.

Тагдыр тамашасын аңдасак, бир кезде ушул эле киши чоң апасына ашык болсо, канча убакыт өткөндөн кийин кайра сүйүү жаңырып, небересине ашык болуп калганын кара. Бул да болсо жашоонун жана тагдырдын маңдайга жазган жазымышы болсо керек. Ооба, айтып жана жазып койгондон өткөн оңой эмне бар. Бирок башка келген нерсени көтөрө билүүнүн жүгү оор экенин танып болбойт.

Айике сабактан келип, чоң апасы Айымга кайрылды:

- Апа, азыр мен сабактан келе жатып, Адыгей атага окшош бир кишини көрдүм. Тим эле куюп койгондой оп - окшош экен деди эле, Айым жасап жаткан ишин токтотуп:

- Кызым, бул жашоодо бири-бирине окшош жети киши болот, аттары бөлөк болгону менен сырт келбеттери эки тамчы суудай окшош болушат. Балким сага дагы окшош кыздар бар чыгар, ушул эле биздин элдин ичинде. Ага таң калбай деле койсоң болот.

Бир жолу мага "Ош"базарынан бир киши жолугуп алып " Сиз Баткендик Мария апасызбы?" - деп, көзүн албай карап туруп калкалганда, мен жок десем ал таң калып калды. Көрсө ал айткан Мариянын көзү өтүп кетиптир дагы, мени көрүп алып абдан таң калып калыптыр "ал киши тирилип келип калганбы" - деп. Айткандай бул жашоодо биз биле элек көп сыр катылып жатат. Кээде тагдырлар дагы окшош болуп, кайталанып калат. Мына сени деле менин жаш кезиме көп киши окшоштурушат. Билсең мен жаш кезимде абдан чырайлуу болуп, канча кишинин талашына түшүп, акыры чоң атаң амал менен мени алып алган. Чынын айтсам мен чоң атаңды сүйбөй эле тийгем, мени талашкан эркектердин талашынан кутулуш үчүн.

Коңшу айылдан ырайы суук, балбанга түшүп жүргөн бир киши "ала качсам дагы алам" - деп айттырып жибериптир. Анын түрүнүн суугун айтпа, андан дагы менден бир кыйла жашы улуу эле. Аңгыча эле чоң атаң келип калды, колумду сурап. Мен дароо макул болуп, атаңа тийип алган соң эки күндөн кийин келип менин турмушка чыгып кеткенимди угуп алып, тиги киши катуу ыйлаптыр. Көрсө бул ашыктыктын азабы балбан болобу, баатыр болобу күчүнө, билегиндеги каруусуна карабай, өксүтүп ыйлатат тура.

Кызым мен мунун баарын сага эмне үчүн айтып жатам. Кыздын бир душманы, ашыкча сулуулугу. Сулуу кызга керек болсо абышкалар дагы ашык болуп, аял кылып алганга ашыгат. Эркекте ар деле жок. Көздөрү менен сүйүп, карыганын унутуп калышат. Тээ атам замандан бери сулуу кыздар жана күлүк аттар керек болсо эки элди чабыштырып, уруштуруп келген. Мунун баарын эмне үчүн айтып жатам, деги сак бол. Замана - саат бузулуп турганда, ашыкча жасанбай эле койчу. Мени ойго салган негизги маселе, сенин тагдырың. Сен менин тагдырымды кайталап калбасаң болду "талашка түшүп". Айике чоң жаңылык укканына таң калып:

- Апа, анан алиги балбан кишинин чоң атама зыяны тийген жокпу? - деди, суроолуу карап. Айым бир саамга ойго алаксып, өткөндү эстеп:

- Ал кезде ыйман күчтүү болгон. Балбан киши буйрукка баш ийип, чоң атаңа жолугуп айтыптыр " Айымды эч качан капа кылба" - деп. Бул жалганда билинбегени менен ашыктыктын азабын көтөрө билүү абдан оор анан азаптуу келет. Кооз сөз менен айтып койгон оңой, жүрөк эңсөөсүн аткара билүү абдан кыйын.

Кийин мен ал кишини абалына боорум ооруп калды. Ал балбан мага арнаган ашыктыктын азабын тартып жүрүп, өтүп кетти.

Бир жаш кызга үйлөндү, бирок ага жүрөгүн арнай албаптыр, канчалык аракет кылса дагы. Бирок мен ага тийбей калганыма сүйүнөм. Анткени ал мага үйлөнгөн болсо, мени бактылуу кыла алмак эмес болучу. Себеби менин жүрөгүм аны такыр каалаган эмес. Адам баласы эркек болобу, ургаачы болобу алгач жүрөк каалаган нерсени жасап, жүрөк каалаган адам менен жашаганы оң. Бирөөнү алдап көп жыл жашаганча, аз болсо дагы таза жашап өткөн кандай барктуу. Адам болуп жаралган соң, адам болуп жашап өтүп кетүү бул чоң вазыйпа. Кээ бир адамдар бар, байлыкка көз каранды болуп жашаган. Угуп эле жүрөм, жаш кыздар байларга байлыгына карап тийип алышып өздөрүн да, тийген күйөөсүн да алдап жашоолорунун маңызын кетирип алгандарын.

Жашоо бир гана байлык менен чектелип калбайт. "Байлар да ыйлайт" - деп бекер айтылып калган эмес. Байлыктын да жүгүн көтөрө билүү абзел. Дегеним байлардын бара турган коногу, катышкан кишилери көп болот. Чоң алып барып, чоң нерсе ала билүүнүн да жолун билиш керек. Сөз ушул жерге келгенде телефон шыңгырап калды. Айике туруп барып трубканы көтөрсө Марсел экен. Ал кантип үйдүн телефонун билип алганына таң калып:

- Марсел, сага ким берди үйдүн телефонун? - деди, алгач эле. Марсел сылык сүйлөп:

- Айике, мени кечирип койчу, убактыңды алганым үчүн. Билсең мен бир орунга олтура албай калдым. Сенин үнүңдү уксам эле калыбыма келчүдөй сезип чалган элем. Ушул жашка келгени сага берилгендей, эч кимге берилген эмес болчумун. Баса макул көрсөң кечинде киного кирип келбейлиби? - деди. Айике үнүн жапыс чыгарып:

- Марсел макул көрсөң мындан кийин үйгө телефон чалбай жүрчү, сенден сураныч деп, башка сөз сүйлөбөй трубканы коюп койду. Бирок бул сөздөрдү берки үйдө олтурган чоң апасы уккан жок. Апасынын ар бир айткан сөзү жүрөгүнө бычак болуп сайылды. Анткени айылдан талашка түшкөн үчүн жылуу ордунан которулуп келбедиби, шаарга. Боз баш балдар эле эмес, үй-бүлөөсү барлар дагы жанын жай алдырбай калганын кантип тана алат. Баары бүтүп, сакалын сүйрөгөн абышка дагы арзып калып, жолунан тозуп жүргөнү аз келгенсип түнү түшүнө кирип, күндүзү оюнан кетпей калганы жалганбы. Анан кантип чоң апасынын тагдырын кайталабай калганын жашырат.

*************

Айткандай эгин үчүн жамгыр кандай керек болсо, адам баласы үчүн илим дагы ошондой керек. Илим-билим адамдын аң сезимин өстүрүп, жеңил жашоого жол ачат. Айикенин дагы алгачкы максаты билим алуу. Тээ бала кезинен бери тилеген тилеги врач болуу. Врач болсом дегенде эки көзү төрт. Анткени таза жумуш жана таза кийим кийип жүргүзү келет. Таежеси Кундузга кызыгат. Апасынын сиңдиси шаарда врач болуп иштегенгеби, айтор сылык анан көзүнө абдан жылуу учурайт. Ошол таежесиндей болууну эңсеп келгени чын. Бала кезде көңүлгө эмне жакса ошону жасагысы келип, көргөнүндөй болгусу келген таза, бала кыялга эмне жетет.

Айике апасы Жылдыз менен таежеси Кундузду салыштырып алып эле канча бушайман болду. Анткени апасы эрте турмушка чыккан үчүн окуп билим ала албай айылда жашап калгангабы, сиңдисиндей сылык эмес.

Быйыл мектепти аяктаса эле мединистутка тапшырууну көксөп, сөз айткан балдардын жасаган мамилесине көңүл бурбай келгенинин себеби ушул. Апасы Жылдыздай болуп эрте турмушка чыгып, окубай калгандан коркуп, болгон ой тилеги окуу болгону менен жанын жай алдырбаган бир маселе Адыгей карыя.

Ал киши такыр эле аң сезимин бийлеп алып, кээде кадимкидей аны көргүсү, ага жолугуп сүйлөшкүсү келет. Бирок эмнени сүйлөшөт жана эмнени айтат, буга акылы жете элек.

Бул жолу дагы Марселдин жасаган мамилесине, кылган аракетине кош көңүл мамиле жасаганынын себеби, окуудан алагды болбоюн деген гана ой. Ооба, эгер жигит менен жолуккусу келсе, айылдан эле чарк көпөлөк болуп айланган балдардын бирөө менен мамиле түзүп алып, жолугушууга бармак. Анда эле оюу алагды болуп, сабактан аксап калам деген ойдо баарына кол шилтеп, дитин окууга коюп койгон. Анткен менен жүрөгүнө тынчтык бербеген сезим күчү баары бир өзүнүн вазыйпасын аткарып, канчалык аракет кылган менен китеп окуп жатканда, оюу бузулуп кетет.

Жолугушуу капкагын каккылаган канчалаган бозойлор азыр деле кылгыра карап, жолун тосуп, тийишет. Бирок мындай көрүнүштөргө көнүп калган үчүн, аларга көңүл деле бургусу келбейт. Шаарга жеткенде эле "тийишкендерден кутулам" деп ойлогон, бирок бул жактагы балдар сүзө качырып ачык эле "чоң кыз, ашыкча сулуу экенсиз" - деп, уялбай эле тике карап бетке айткандар болбой койгон жок. Баарына кол шилтеп "аны сенсиз деле билем, бирок жүрөгүм бош эмес" -деп жооп берип, кетип калган учуру канча болду. Эгер биринчи жолу ушул сөздөрдү уккан болсо анда уялып, жооп бере албай тайсалдайт беле ким билет.

Айике чоң апасынын тагдырын уккандан бери эми чындап корко баштады " ала качып кетсе эмне кылам" - деп.

Эртеси күнү сабакка бара жатса алдынан Марсел тосуп чыгып, учурашкан соң эле:

- Айике, бир саамга убактыңды бөлчү. Сага айта турган сөздөрүм чыгып калды - деп, азга айта турган сөзүн таппай калды да, анан өзүн колго алып:

- Сен мага туура түшүнчү, мен сени эч кимге ыраа көрбөйм. Сага ашык болгондор көп. Бул жер сен ойлогондой элет жери эмес. Мен, сени коргоп, сенин келечегиңе кам көргүм келет. Түшүнөм, сен окууга тапшырып, окугуң келерин. Эгер сен менин тилимди алсаң, экөөбүз окууну бүткөндөн кийин үйлөнөт элек. Менин дагы асыл максаттарым бар, ага жетүү үчүн албетте аракет кылган ийгилигин берет. Эгер экөөбүз тил табышып алсак, сага тийишкендердин жана көз арткандардын саны азаят беле деген ой.

Бул сөздү укканда Айике саамга ойлоно түштү. Бир жагынан ал абдан жүйөөлүү сөз айтты, эми эмне деп жооп беришти билбей саамга туруп, кыздарга тийешелүү уяң мүнөз менен:

- Марсел, мен азырынча жашмын. Чынын айтсам мага али эртедей сезилет, жигит күтүү учуру. Анткени менде бир гана максат, жогорку окуу жайга өтүү. Эгер окууга өтүп калсам, анан сүйүү темасы жөнүндө ойлонот элем. Ушуга чейин сөз айтып, тийишкендерден абдан чарчадым. Керек болсо ушул себеп менен айылдан шаарга которулуп келгенмин. Бул сөздөрдү айтып жатып дагы Айике эмнегедир өзүн жаман сезип кетти "эмнеге буга отчёт берип жатам" - деп. Марсел азга кабагын чытып:

- Айике, сен абдан катуу жаңылышасың. Сендей сулуу кыздарга кимдер гана көз артпайт, кимдер гана сөз айтпайт. Ишенсең мен сенин окууга өтүшүңө жардам бергенге толук мүмкүнчүлүгүм бар. Эгер сен мага көңүлүңдү эле буруп койсоң, баарына даярмын. Айике таң калып:

- Марсел, чынын айтсам мен сага түшүнө албай калдым. Сен мага кантип жана кандайча жардам бере аласың, эгер сага көңүлүмдү бурсам?

- Анын эмнеси бар экен. Билесиңби, азыр мага бул мектеп боюнча эч ким ооз ача албайт. Бир гана ооз сөз айтып коём "Айикеге эч кимиңер тийишпегиле" - деп. Болду, анан сага жан адам жаныңа жолобойт. Ал эми кайсы окууга тапшырасың, азыр эле айтып кой, ал жагынан маселени эртең чечип бергенге аракет кылам. Айике таң калып, суроолуу көз караш менен карап:

- Марсел, сен мага жомоктогу хандын баласындай сезилип кеттиң. Убаданы ченебей берип салдың го? Марсел катуу кетип калганын кеч сездиби, уяла түштү да:

- Айике, эгер сен мага жүрөгүң менен берилсең, мен сага окууңду бүтүрүп, анан үйлөнөм. Ага чейин сени күтүүгө толук кудуретим жетет. Сен биздин класска келгени мени кандайдыр бир күч башкарып алды. Керек болсо сен басып бара жаткан көчө дагы мага кооз көрүнөт. Ал турсун эртең менен сабакка сени көрүү үчүн ашыгып келчү болдум. Деги сени ушундай сулуу кылып кандай "эне" төрөдү болду экен? "Сүйүү бар" - дегенге ишенчү эмес элем. Сени көргөнү мен толук ишендим, чыныгы сүйүүнүн бар экенине. Сага канча бала сөз айтты, анын мага кереги жок. Ал сөздөрдү уккум да келбейт. Сен мен үчүн асмандагы айдай, керек болсо тээ бийикте араң жанган жылдыздай бийик жансың. Ушул жашка келгени сулуу кыздарды көзүм чалган, бирок сендей сулуу жанды көрбөптүрмүн. "Сен" - деп ооруп калдым. Эч качан, эч кимге мындай таттуу сөздөрдү да айткан эмесмин, убада да берген жок элем. Эмнегедир эле сени менен чечилип сүйлөшкүм келди. Оюм алагды болуп, бир орунга олтура албай калдым. Болгон жан дүйнөмө бүлүк салдың. Ооба, азыр сүйүү дагы тайыздап кетти, жеңил жагына ооп. Бирок мен сенин колуңду кармаганга эмес, карааныңды көргөнгө ыраазымын.

Айике өзүн жөн эле чыгармачылыкка сүңгүп кирген чоң акындын же жазуучунун жанында тургандай сезип кетти. Эч качан, эч кимден мындай даамдуу, кулакка жагымдуу сөздөрдү уккан эмес. Ал турсун өзүнүн сулуу экенин билген, бирок, Марселдин айткан сөздөрүн укканга чейин, өзүнүн ушундай бийик жан экенин билген эмес. Эх сулуулар, сулуулардын оюн бузуп, көтөрүлүүгө көрсө эркектер өздөрү жол берип, таттуу айтылган сөздөрү менен өздөрүн жогору сезүүгө көмөк берет белем. Айике азыр уккан сөздөрү аркылуу чындап өзүн бийик сезип кетти. Ашыкча сулуу экенин ушул саам билип, сурмалуу карагаттай жайнаган жагымдуу көздөрү менен тике карап Марселди сүрдөтүп, сөзүнөн жаңылтып жиберди.

Тили-тилине тийбей, жан алы калбай жагынуу үчүн жан үрөп сүйлөп жаткан Марсел, сулуунун бул көз карашына туруштук бере албай, айта турган сөзүн таппай калды. Сулуунун сүрүнө кабылып, сүрдөп көрбөгөн курган бала, тим эле трибунада миң кишинин алдына чыгып сүйлөп жатып жаңылган адамдай, чекесинен тер чыпылдап чыга түштү. Айтып койгон оңой болгону менен чынында эле жүрөк эңсеген, ашыкча чырайлуу ургаачы жандын сүрүнө, көз карашына туруштук берүү иш жүзүндө абдан оор экенин Марсел эми билди.

Айике сөз азга бөлүнө түшкөндө, сулуу чырайына менменсинип:

- Марсел, сөздү кыскарталы, сабактан кечигип калабыз - деп, жооп күтпөстөн алдыга кадам таштады. Курган бала бул сунушка каршы сөз айта албай, апасынан уруш жеген баладай жер карап, артынан басты. Бир жагынан ичиндеги болгон сырын төгүп алганга жеңилдей түштү белем, мектепке жакындаганда:

- Айике, сен кайсы окууга тапшырайын дедиң эле? - деди. Ушул сөздү айтканда үнү каргылданып, сүрдөгөнү билине түштү. Айике өзүнүн үстөмдүгүн көргөзүп:

- Марсел, бул темада кийин сүйлөшөлүчү, азыр убакыт тар, сабактан кечигебиз деп, кадамын тездете басып, алдыга узап кетти.

Бир жагынан Марсел өзүнүн оюн толук айтып алганга көңүлү өсүп, бир нерседен үмүт кылып, ичинен ойлоп койду "бул көгүчкөн эми менден кайда качат" - деп.

*************

Кыжы-кужу, ызы-чууга толгон шаар ичи. Машинадан киши көп, кишиден машина көп. Адыгей карыя канча болду шаарга келе элегине. Жөн эле башка бир дүйнөгө түшүп калгандай сезди өзүн. Март айынын башы болгонго эле күн жылып, бактарга жан кирип жалбырактары ачыла баштаган. Ооба, күн жылыганда күзүндө жалбырактары түшүп жылачтанган бак-дарактар, бүчүр байлап, кийине баштаганда, моданы бетке кармаган кыз-келиндер чечине башташы турулуу иш эмеспи.

Автобуска олтурган Адыгей карыянын жанына эки жаш кыз келип туруп калды. Орус тилинде сүйлөгөн, чектен сырт кийинген бул эки кызды көзү чалган Адыгей карыянын көңүлү кирдеп, тиги эки кыздын ата-энесине нааразы болду "ушундайга жол берген булардын ата-энеси кандай немелер болду экен?" деп. Байкаса чын эле ал эки кыз эле эмес, башка кыздар деле жеңил кийинип жүргөнүн көрүп, ичи муздап, оюу бузулуп кетти "Буларды көргөн Айике дагы ушулардай кийим кийсе, кандай болот?" деген ойго кабылды. Тоо менен айылдын ортосунда жүргөн карыяга шаар анча жакпай калды. Автобустан түшкөнгө чейин, деми кыстыгып көңүлү кирдеп, көзү караңгылашып кетти. Анткени эч качан мындай эл тыгылып түшкөн унаага түшкөн эмес эле. Качан айтылган аялдамага келгенде түшүп калды эле, курдашы Медалбек күтүп олтурган экен.

Эки курдаш жөн эле кучак жайып, кучакташып көрүштү. Курдашын көргөндө Адыгей карыя азыр эле көргөн, туш болгон окуяны унутуп, сөзгө алаксып кетти.

Медалбек ал жайды сурган соң:

- Адыгей жүрү үйгө, үй жакын эле жерде - деп, алдыга басты. Эки курдаштын сөзү түгөнбөй, кобурашканча, үйгө да келип калышты. Экинчи этаждагы, үч бөлмөлүү квартирага киргенде Адыгей карыя кайра дагы кысынып кетти. Тээ илгертен эле квартираны жактыра бербейт "ажатканасы үйдүн ичинде" - деп.

Зымырат өзү чай даярдап, үйдө күтүп олтурган экен. Учурашып, ал - жайды сурашкан соң Зымырат:

- Адыгей, мына эми сенин бул ишиң мага жакты. Карыдың, балдардын сый-урматын көрчү кез келди. "Мал" - деп эле айылдан чыкпай жата бербей, курортко барып эс ал, ден-соолукка кара. Азыр биздин жашоодогу сапарыбыз карып бара жатат. Жашоо базарынан, оюнунан четтеп калдык. Эми балдар иштесин, тапсын, баксын. Биздин азыр ордубуз төр, төрдүн көркү болуп жакшы карыйлы.

Кечээ телевизордон көргөзүп жатат, айылдагы карта ойногон чалдарды. Ушул эми туура эмес эле го дейм...деп сөз сүйлөп келе жатып, оюна Максүт келе калдыбы, айтор дароо өңүн бузуп: - Баса, жанагы айылдагы Максүт жаш аял алыптыр дейт, ушул чынбы? - деди эле, Адыгей карыя:

- Алды, алганда дагы өзүнөн кыйла жаш немени алды. Зымырат бетин чоюп:

- Уят, уялбай кантип алды болду экен?! - деди эле, Медалбек:

- Анын эмнеси уят. Тийгенден уялбаган жаш келин, Максүт алгандан уялабы. Бир нерсе болсо эле аялдар, эркектерди күнөөлөп калат экенсиңер.

Бул дагы нике кайыптын буйруганы. Максүттүн маңдайына эки никени жазган да. Анын аялына баа бериш керек, экинчи аял алганга уруксаат бергенине. Жакшы аялдар карыганда ошонтип күйөөсүн жашартыш үчүн, илгери тандап өздөрү аял алып берчү экен. Бул сөздү укканда Зымырат мурдун чүйрүп:

- Эмне сенин дагы жаш аял алгың келип калдыбы? Алсаң ал, баягы шермендеңди, мен каршы эмесмин. Карып кетпедиңби, сен да Максүттөй болуп жашар, ошонуң эле калды эле... Медалбек өзүн токтоо кармап:

- Кемпир сен өзүң жаңы эле "жакшы карыйлы" деп акыл айтасың дагы, айтылган сөздүн маңызын түшүнбөй эле, баягы албуутугуңду карматып кыйкыра бересиңби? Эмне "мен жаш аял алам" - деген сөздү айттымбы!? Ооздон сөздү жула качпай алгач чыдап ук да, эмне сөз айтыла турганын. Баягы жаш кезден бери келе жаткан албуутугуң калбайт экен го. Алыстан бир келген кишинин көзүнчө экөөбүздүн минтип айтышканыбыз жарабайт. Маңдайга жазган жазымыштан эч ким кутула албайт. Максүттү эч күнөөлөп болбойт. Ага ушул жашында тиги кыздын никесин буйруду, Максүт алды, анын эмнеси бар экен. Зымырат башын ийкеп:

- Абышка туура айттың. Чын эле нике буйруду да. Бирок мени ойго салган нерсе, сен айткандай карыган немеге тийген тиги кызда дагы күнөө бар да, болбосо ойлобойбу, ашып кетсе Максүт эми он-он беш жыл жашайт, анан ал деле... сөз ушул жерге келгенде сырттан Медалбектин улуу баласы келип калып, сөз үзүлүп калды.

Тээ бир эки сааттан кийин гана эки курдаштын ээн олтуруп сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк табылып, узун сөзгө киришти. Алгач эле Адыгей:

- Медалбек, эптеп керекке жара, болбой калдым. Кыз шаарга кеткени менден шай кетти, күндөн - күнгө алсыз болуп бара жатам. Кусадан көңүл ачылбай, санаа басты, ой чырмады, көңүл эч нерсеге чаппай калды. Карыганда куурадым. Башка азап бир тең, бул ашыктыктын азабы бир тең экен го? "Мен курортко барам" деген шылтоону бетке кармап мында келдим. Ырас бир аптага чейин жолдомо жок экен. Ушул бир аптанын ичинде, экөөбүз Айымга учурашканы барганча, кызды көрүп келели. Дарман калбай калды. Аны көрсөм эле баары ордуна келчүдөй сезилип жатат. Бул жалгандын ушундай дагы азабы бар экенин билбептирмин. Медалбек бир саамга ойго алаксып:

- Айым кайда жашайт, дарегин билиш керек го? Мен анын үйүн билбейм да. Адыгей калдастап:

- Мында чыгарда эбин келтирип ал жашаган үйдүн телефон номерин ала келген элем. Келини жакшы неме, өзү жазып берген. Медалбек телефон номерге көз жүгүртүп:

- Мунуң башка кеп. Анда азыр кеч болуп кетти. Эртең мен сенин үйүңө барам, экөөбүз калган сөздү анан сүйлөшөлү. Сенин абалыңды абдан жакшы түшүнүп турам. Тээ жаш кезде уктум эле, бир Койсары деген эл башчысынын сендей болуп ашыктык отуна кабылганын. Кайберендин сапары кыядан бүтөт, бүркүттүн сапары уядан, ал эми эркек жандын сапары аялдын төшөгүнөн бүтөт. Аялдын ысык койну - сапардын түгөнгөн жери.

Койсары жаш келинге ашык болуп, жаш дененин даамын татып калганы, ал келиндин жанына жыла албай көпкө кармалып калган экен. Илгери ашыктыктын тазалыгы, жүрөктүн берилгени абдан жогору болгон эмеспи. Азыр жаш келин - кыздар байлыкка карап ашык болсо, ал кезде жүрөк менен гана эсептешкен кез болгон тура.

Койсарыга бир күнү тиги келин мындай деп кеп козгоп калат.

- Султаным, экөөбүз нечен күндөн бери ыракатка батып, бейиштин төрүн көргөндөй болдук. Төшөк басты болуп, ыйык сапардан калып калган жоксузбу? Адам тукуму эч качан бакытка тойбос. Адам дайыма эле жыргалдын үстүндө жүрсө, анын кызыгы болбой баркы кетпейби. Биз көргөн керемет кездешүү, менин бүт өмүрүмө жетээр гүл азык болуп калды. Буга мен дагы топук кылайын. Жолуңуздан калбаңыз? - деп кыз өзү уруксаат бергенде, Койсары элине сапар тартып келип, аз убакыт өтпөй болгон болуп өткөн жыргал эсинен кетпей, келинди сагынып, кайра издеп келип баягы жерден таппай калып, сендей болуп куса болуп катуу ооруп калган экен. Ошондо эл эгеси болуп туруп айткан кеби бул экен.

- Бул дүйнөнүн азап тозогун көрбөгөндөр, анын жыргалын баалай албайт. Чагылган чартылдап ташты эритсе, темир аязы жүрөк үшүтүп, дарыяны бөгөйт. Кыш мезгилинин аяздуу тозогун көрмөйүнчө, жайкы бейиштин баркына ким жетет. Улуу Алла өз пендесин ошонтип куурасын, жыргасын деп жараткан белем. Азап менен жыргал эгиз.

Кыз кадырын билбеген элде катын болуш оңой, сөз кадырын билбеген жерде акын болуш оңой. Анысыңары, азыр сенин тарткан ашыктык азабыңды эч ким түшүнөбөйт жана кадырлабайт. Менин башымдан өткөн үчүн сага түшүнүп жатам. Эгер мен жаш өйдөлөгөндө келген ашыктык азабын тартып, башымдан өткөрбөсөм, сага түшүнбөйт элем. Аттиң, баары бир жаш жаштыгын кылат экен да, жаңы жаңылыгын кылат белем. Эгер сен өзүң арзыган жаш кыздын ак денесин кармап, толукшуп турган жүзүн аймалап өөп калган кезиңде, менин айткан сөздөрүмдү эстээрсиң. Бул жашоодо баарынан жүрөк менен берилип сүйгөн сүйүүнүн азабына туруштук берүү, чоң сыноону баштан өткөргөнгө түрткү берет. Макул анда, сен жолуңа түш, эртең жолугушканга чейин.

Адыгей карыя уулунун үйүнө келе жатып, курдашы айткан сөздөргө абдан ынанды. Чын эле бул жалганда баары эгиз. Азап менен жыргал, бар менен жок, күн менен түн, урушуу менен табышуу, кыз менен жигит, кемпир менен чал, өрдөк менен чүрөк деги койчу айтып олтурса, жаман менен жакшы дагы эгиз козудай ээрчишип жүрөрүн кантип тана алабыз. Ооба, калыс алсак бир карасак жашоо ушунусу менен дагы кызык көрүнүп кетет.

Түнү бою уйку бетин көрбөй, бир гана Айикеге жолугууну ойлогон Адыгей карыя үчүн, таң атпачудай , убакыт өтпөй, түн узарып кеткендей сезилди. Бир нерсени жүрөк дегдеп алганда, адам баласы үчүн убакыт токтоп калгандай сезилет белем...

Таң атып, жаңы күндүн башталышынан белги берип, чыгыштан күндүн нуру сапарын жаңы баштаганы өйдө көтөрүлүп келе жатканда, Адыгей карыя ак шейшептүү жууркандан турду. Таң атканга чейин уйку бетин көрбөгөнгөбү, чоң иш кылып катуу чарчаган адамдай өңү керсары тартып, нуру өчкөн шамдай кабагы салыңкы сыртка чыкты. Бул кезде үйдөгүлөрдөн эч кимиси тура элек болучу. Шаардыктар чынында эле уйкучу келээрин келген күнү эле байкаган. Көчөдө деле кыймыл аз. Ары бери басып убакыт өткөрүп келди да, анан таңкы наарга олтурду. Келини чай куюп сунуп:

- Ата, жата турсаңыз деле болмок. Бул жактан эми сизге убакыт өтпөйт го, шаардын жашоосуна көнгөнчө? - деди.

- Айла барбы, деги шаардыктар аман эле болгула. Түшкө чейин уктайт экенсиңер дагы, түн ортосуна чейин телевизор тиктейт экенсиңер. Таңды - таң атканга чейин машинанын үнү басылган жок. Азыр мага Медалбек курдашым келет. Экөөбүз бир жерге барып келебиз. Менден кам санабагыла. Ал шаарды жакшы билет эмеспи. Экөөбүз кечээ жолукканда убадашалып койдук эле. Бул сөздү укканда келини Алина кабатырланган түр менен өңүн бузуп үнүн жогору чыгарып, айта турган сөзүн шашып айтты:

- Ата, биз бүгүн сизди өз ишин тыкан билген "профессор" деген наамга ээ болгон докторго көргөзөлү деп убакытты белгилеп койбодук беле? Адыгей карыя кабатырлана:

- Балам, мен анча деле ооруган жокмун го. Убара болбой эле койгула. Курортко барсам, ошол жактын эле доктуру көрөт. Мага ошол эле жетиштүү.

- Ата, ушунча келген соң, сизди жакшылап дарыланып кетсин деген эле ой. Биз сүйлөшүп койгон доктурга көрүнгөнгө кезекке тургандардын саны арбын. Бүгүн барбасак болбойт. Адыгей карыя чоң иштен куру калып жаткансып, шашып:

- Эмне ал доктор ушунчалык кыйын экенби? Ушул жашка келгени Ахунбаевден кыйын докторду укпаптырмын. "Кыйын" - деген ал доктор деле каза болбодубу. Бу шаардыктар бирөөнү көтөрө чаап мактаганга кыйын экенсиңер. Келини сөз төркүнү такыр башка жакка бурулуп кеткенине бушайман болуп:

- Ата, сиз мага түшүнбөй калдыңыз көрүнөт. Азыр деген илим өсүп, ооруган адамды техниканын күчү менен көрүп калган. Сизди алгач ал киши УЗИге тартып көрөт дагы, анан өзүнүн оюн айтат. Бул сөздү укканда Адыгей карыя уурулугу кармалып кала турган адамдай сездене түштү. Дароо оюна " Узи" деген немеси менин жаш кызга ашык болуп калганымды билип калса кантем деп ойлогонго үлгүрүп, кабагы бүркөлө түштү. Бирок ушул саам ылайыктуу шылтоо таба албай, ичинен эзилип кыйналып кетти.

************

Бул жалганда тээ атам замандан бери эле күлүк ат менен сулуу кыз талашка түшүп келгенин танып болбойт. Ушул себептен "сулуунун болбойт жүрөгү, суусардын болбойт түнөгү" деген сөз бекер айтылып калбаганына турмуш өзү күбө.

Айткандай Айикеге барган сайын ашык болгондордун саны арбыды. Ал турсун башка класстын балдары дагы шынаарлап, тийишип, сөз айткандар бура бастырбай калды. Ал сайын Айике өзүн жогору сезип, сабакка көңүл бурганга аракет кылганы менен тийишкен балдардын кылыгы көңүлүнө уялап, оюу бузула баштады. Айтмакчы тээ илгертен бери эле сулуу кыздар эрте жетилип, көзгө урунуп, ойду бузуп, көңүл сересинен орун аларын эч ким тана албайт. Андан дагы аял затындагы көйрөңдүк сапатты сулуу кыздар жана чырайлуу аял заты байкатып коёт эмеспи.

Айике эмнегедир акыркы кездерде баштагыдан катуу жасанып, боюна карап, кийимди тандап кийе баштаганын алгач чоң апасы Айым байкады.

Колдо өскөн бала менен кыздын ар бир кыймылы кантип эле чоң эне менен чоң атанын көз жаздымынан кетип калсын. Улам убакыт алга жылган сайын Айикенин бой келбети баштагыдан чырайына чыгып, бышкан алмадай толукшуп жетилип, суктанган көздөрдүн суугуна кабылып жатканын курган кыз анча таназар алган жок.

Күнгө бейшемби, бул күнү дайыма класста жыйын болот. Окуучулардын тартиби, сабакка кандай катышты ушул сыяктуу маселе каралат. Класс жетекчи эже өзгөчө кыздарга эскертүү берди "ашыкча жасанбагыла, силер али секелек кызсыңар, чоң балдар тийишкенге өзүңөр жол ачып жатасыңар" -деп. Бул сын пикирге анча деле көңүл бурбаган Айике сабактан чыгып келе жатканда алдын тосуп өңү серт, өзүнөн төрт-беш жашка улуу, сол бетинде көзгө дароо көрүнгөн бычак менен кесилгендей тырыгы бар, көзү менен сүрдүү караган бала чыгып, алгач учурашкан соң:

- Чоң кыз, сен менин жүрөгүмдү козгоп койдуң. Эгер менин сунушума каршы болсоң, анда өзүңө эле жаман болот. Мага туура түшүн, мен ойлогон оюма жетмейин жаным тынбаган адатым бар. Мен сен үчүн керек болсо баарына барууга даярмын. Сен менин аялым болушуң керек. Ушул жагын эсиңе бекем түйүп кой. Менден качып эч жакка бара албайсың. Асманга чыксаң бутуңдан жерге кирсең чачыңдан тартып алам. Эртең так ушул жерден жолугам, ойлонуп жакшы жооп бергендей бол. Ойлон, болбосо мындан наркы тагдырыңа доо кетип калышы толук мүмкүн. Мени эч ким токтото албайт деп айтып, кайра жооп укпастан, жерди карап чыйт түкүрүп изине түшү кетип калды.

Бул сөздү укканда Айикенин денеси калтырап, көзү алайып, корккондон тили буулуп, ушул жерден кетип калса эле бир балээден кутулчудай сезип, калдастап шашып алдыга кадам таштады. Ушундайда жол дагы алыстап кетет эмеспи. Көзүнө тиги ырайы суук бала элестеп, анын өктөм жана ишенимдүү айткан сөздөрү кулагына жаңырып, көзү караңгылашып кетип, жерге олтура калды, болбосо жыгылып кетет беле ким билет. Аз убакыт илгери эле өзүнүн сулуу болуп жаралып калганына сүйүнүп, мектептен көңүлдүү чыкса, эми минтип аз убакыт өтпөй сулуу келбети өзүнө жоо болорун билип, өкүнүп турду.

Бир кезде өйдө туруп, өзүн карманып кайра жолун улады. Чынында катуу ойлонгонгобу, башы чыңалып катуу ооруп, көзү караңгылашып кеткен эле. Болбосо, ушул жашка келгени мындай абалга кабылып көргөн эмес.

Эптеп үйгө келип эле сөзгө келбей, ал турсун кийимин чечпестен диванга кулады. Жаны жер тартып келгенгеби, жатканда денеси ушуну самап турганын сезди. Аңгыча эле ички үйдөн чыга келген чоң апасы Айым үйрүлүп түшүп:

-Айике сага эмне болду?! - деп, сурады эле, Айике колун шилтеп:

- Апа, мени жайыма койгулачы, анан айтып берем. Азыр сүйлөгөнгө дарманым жок - деди. Курган эне жүрөгү менен сезди, эмне болгонун. Ушул саам эмнегедир көз алдына өзүнүн жаш кези элестеп, баягы "сени алмайын менин жаным тынбайт" - деген ырайы суук Бекташ көз алдына тартыла түштү. Ал булакка сууга келгенде кармап алып, жүрөгүн катуу түшүргөн болучу. Ушул саам дагы кызы ошондой абалга кабылгандай сезилип кетти. Эненин жүрөгү баары бир, бир нерсени сезет эмеспи. Айымдын бекеринен оюна Бекташ түшкөн жок. Санаа кандай күлүк. Ар нерсени ойлоп кеминде эки сааттай олтурганда гана Айике кыймылга келди. Көзүнүн нуру өчүп, санаа тарканы өңүнөн билинип, алгач кийимин чечип, которунуп кийинди да, анан гана сөзгө келди:

- Чоң апа, мен кайра эле айылга барып окушум керек болуп калды.

- Эмнеге?

- Билбейм, бул жактын балдары мени тынч окутпай калды көрүнөт.

- Кандайча?

- Аны өзүңүз деле түшүнүп тургандайсыз.

- Кызым деги жакшылап түшүндүрүп айтып берчи, эмне болду деги? Жан дили менен бушайман болгон чоң апасынын бул жоругуна ичи жылый түшкөн курган кыз, мыйыгынан болор болбос жылмайып:

- Апа, мен бир кездеги сиздин тагдырды кайталап жашайт окшоймун. Балдар бура бастырбай тийишип азыртан эле "мага аял бол"- деп жатышат. Сиздин учур эски заман, азыр ал кездегидей ыйман жок, болбосо кыз балага дагы ушинтип айтабы? Айым кызынын сөзүн угуп болуп:

- Айике, бул жалганда билсең баардык ашыкча нерсенин зыяны болбой койбойт. Бекер айтылган эмес " баарынын чеги менен болгону жакшы" - деп. Алсак, бир кезде аракты деле дарычылык үчүн ойлоп табышкан экен. Анан аны ашыкча ичип алышып эмне болуп жатышат? Ал эми байлыкка деле көп эле жутуна берген жакшы жышаан эмес. Кечинде теледен берди го, бир бай адамдын үйүн тоноп кеткенин. Ошол сымал эле чектен сырт сулуу болгондун дагы чоң түйшүгү болот. "Мага аял бол" деген сөз эч нерсе эмес, мени түйшөлткөн маселе, сени уурдап кетишпесе болду. Угуп эле жүрбөйсүңбү, кыздарды Турцияга, Аравияга уурдап кетип жатканын. Ал жакка деле сага окшогон чырайлуу кыздарды уурдап кетишет. Айылда окусаң ала качып кетеби деп ойлодук, шаардын балдары минтип ачык эле сөз айтып жатса, эми эмне кылабыз?

Бул сөз менен Айым эне "ашыкча жасанба" - деген сөздү ачык айтпаса дагы, алыстатып айткансыды. Айике бир саамга үнсүз олтуруп, эмнегедир Марселди эстеп кетти. Бул кыйынчылыктан бир гана ал алып чыкчудай сезилип, кандайдыр бир үмүттүн оту жангандай болду.

Ушул саам билди аял заты баары бир алсыз экенин. Ордунан туруп келип тамакка карады. Бирок табити тамакка анча тарткан жок, жүрөгү түпөйүл тартып, жагымсыз окуя болорун ички дүйнөсү менен сезип, ушундайда акыл кошчу бирөөнү оюу менен издеди. Андайда адам баласына кайдагы жакшы ой келмек эле. Бир күндө, ал турсун бир ооз сөздүн күчү менен кейпи кетип, өңүнөн аза түштү. Санаа адамды кандай жейт. Ушул жолу дагы эмнегедир Адыгей карыя оюна келе түштү. Аны эмнеге эстеди буга жооп таба албай турганда, оюн бөлүп телефон шыңгырап калды. Элпектик менен олтурган ордунан тура калып барып трубканы көтөрүп, Марселдин үнүн укканда чын ниетинен сүйүнүп кетип:

- Убактың болсо келип жолугуп кетчи, сага айта турган сөз чыгып калды деп, кыска сүйлөп трубканы койду да, ага болгон ишти айтып, даттанып алса эле чоң санаадан кутулчудай сезилди.

Күн уясына батып, күндүн сапары карып, түндүн келишинен белги берилип калган кезде, Айике биринчи жолу өз ыкласын коюп, жигит менен жолугушуу үчүн сыртка чыкты.

Баятан бери чыдамы кетип күтүп турган Марсел, кыздын кылыктана басып келе жаткан абалына көз агытып, ушул пейзаж, ушул көрүнүш көзүнө укмуш кооз көрүнүп кеткенсиди. Бир саатка чукул күтүп турган азабы көрсө ушундай кооздук тартуулаганына ичинен ыраазы болуп, көзү токтоп калган адамдай сулуунун ар бир кыймылын жаздым кетирбей карап туруп, өзүн бактылуу сезип кетти. "Кыз кылыгы менен кымбат" - деген сөздүн бекер жерден айтылбаганын Марсел, Айикенин кыймылынан, кылыгынан билди. Атакесинин акчасынын күчү жана мектепте жакшы окуганы себеп болуп, канча кызды колунан чыгарды. Бирок ал кыздардан мындай жашоого көркөмдүк, кооздук тартуулаган кыймыл аракетти, кылыктана баскан кыймылды байкабаптыр. Балким, чын эле Айике башка кыздардан ашыкча сулуу болгон үчүн көзүнө ушундай келбеттүү көрүндүбү, ага жооп таба албай турганда, Айике жанына жакын келип калды.

Марсел өзүнчө эле тайсалдап, сүрдөп, сыр алдырып койду. Бул жолу эмнегедир Айике сөздү өзү алып, өзү баштады:

- Марсел, мага сенин чоң жардамың керек болуп калды. Эгер сен мага ушул жолу жардам бере алсаң, анда мен сенин бул жардамыңды эч качан унутпайт элем. Кыздын жагымдуу үнү, жалжылдай караган көз карашы, өтүнүч менен суранганы Марселдин чыдамын кетирип, калдастатып салды да:

- Мен, сен үчүн баарына даярмын! - деген сөздү айттырды. Сөз кезеги келгенде Айике бир баштан болгон окуяны түшүнүктүү кылып айтып берди да, кандай жардам кыла аласың деген таризде сын көз менен карады , Марсел:

- Мунун жарасы жеңил эле экен. Эртең айтылган маалда сен ал жерге жолугушууга бара бер, калганын өзүм бүтүрөм, эч коркпо! Андай кыйын чыкмалар менен тез эле тил табышкам, колдон келе турган иш.

- Мага анын зыяны тийбегендей болгону жана менин сенден жардам сураганым билинбегендей болсо жакшы болот эле.

- Ал жагынан эч кам санабай эле кой! Баарын тынч анан колдон келишинче жай сөз менен бүтүрөм. Аны коюп азыр шаар аралап келбейлиби. Билесиң да, "менин сен" - деп ооруп жүргөнүмдү? Айике бул сөздү укканда кыз кылыгы кылып, уялгансып жер караган болду эле, кирпиги ылдый төгүлүп, келбети баштагыдан дагы сулуу көрүнүп "кыз" -деген үч тамгадан турган сөздүн улуулугунан белги бергендей болуп кетти. Ооба, чындап көз агытып караган кишиге сулуунун, деги эле жүрөк жактырып калган ургаачы жандын кийген кийими боюна куп жарашып, көзгө көрүнүктүү көрүнүп калаарын эч ким тана албас белем... Айткандай Айикенин бул турган турпаты, боюна жарашыктуу кийген ак көйнөгү, экиге бөлүнүп өрүлгөн кундуздай кара чачы, моймолжуган көздөрү тим эле сүрөтчү колго тарткандай сулуулукту тартуулап, Марселдин алты айласын кетирип, ичи жылып эмне кылып ушул саам Айикени ыраазы кылышты билбей турду. Эмнегедир Айике көзүнө баштагыдан миң эсе сулуу көрүнүп, ушундай көз тойбой караган сулуунун жанында турганына ишене албай кетти. Айике акырын унчукту:

- Марсел, менин азыр иштерим бар эле, андан дагы үйдөгүлөргө эч нерсе айтпай чыккам. Макул көрсөң башка жолу шаар кыдырып келели-деди, тарткынчыктап. Кыздын тартынып, өтүнүч менен айткан сөзү дагы таасир берип, Марсел айта турган сөзүн таппай калды. Бирок кызды сүрдөтө карап, ушул көз карашы менен билгизди чындап ашык болуп калганын.

Кыз балага кандай гана жарашат, уялып жер караган. Ошол себептен тээ илгертен "кыздын кыздай болгону жакшы" - деген кеп бар эмеспи.

- Айике, мен сага туура түшүнөм. Сен абдан эстүү жансың, анан да сенде илгерки кыздардын элеси катылган бир башкача сыр бар. Мага керек болсо сенин баардык сапатың жагат. Макул мен сенин оюң менен болоюн. Баса, эртең эч коркпой тиги балага барып жолуга бер. Бирок ага эч кандай убада бербе. Бир нерсе айтса "убадалашканым бар" деп гана кой. Калганын өзүм териштирип алам. Айике бул сөздү укканда аз да болсо өзүн жеңил сезип, оор жүктөн кутулгандай үшкүрүнүп жиберди. Эки жаш сүйлөшүп бир топко турушту да, анан издерине кайтканда Айике жолдо ката Марселдин ишенимдүү айткан сөздөрүнөн өзүнө кубат алып, кабагы ачык үйдүн астанасын көңүлдүү аттаганда, артынан кирген чоң апасы Айым:

- Кызым, сени алам деген алиги балабы? - деди. Бул суроону күтпөгөн Айикенин өңү өзгөрүлүп, уялгандан кыпкызыл боло түштү. Жооп бергенге сөз таба албай жер караган тейде, мындай деди:

- Апа, сиз мени аңдыдыңызбы?

- Кызым, мен аңдыган деле жокмун, сенин абалыңды көрүп туруп кантип тынч олтура алат элем. Акмалап карап турдум. Бирок экөөңөр тең байкаган жоксуңар. Силерди бир өңү суук бала машинада бир топко карап турду. Баамымда ал бала абак даамын татып калган бала белем, чылымды көп чегип, ашыкча түкүрүнө берген адаты бар экенин байкадым. Андан дагы оң бетинде тырыгы бар экен.

- Апа аны кантип байкап калдыңыз?

- Кызым, кантип байкабайм. Силер керек болсо мени дагы көргөн жоксуңар. Мен дүкөнгө бара жатканда эле тиги баланы байкагам. Бир топ убакыттан кийин келе жатып карасам дагы эле ал бала силерди телмире тиктеп турганын элес алып, кызыгуум артты. Качан сен үйдү көздөй басканыңда, ал бала тиги баланын артына түштү. Эми сен жолуккан классташ балаңа анын зыяны тийбесе болду. Айике апасынын бул айткан сөзүн укканда кабатырлана түштү да:

- Апа, мени ошол өңү серт бала алам дегенинен, тиги мени менен чогуу окуган балага айтканы жолугушууга бардым. Ал бала чоңдун баласы анан дагы сабакты жакшы окуйт. Айым кабагы салыңкы:

- Кызым, тилимди алсаң сен кайра эле айылга барып окугандай бол. Бул жактан сага өзүң айткандай тынчтык болбой калды көрүнөт. Дегеним, тиги өңү серт бала сенин жаныңды койбойт өңдүү. Бекер үйдүн дагы дайынын билип алган экен. Сөз ушул жерге келгенде иштен колдору бошобогон үй ээлери келип калышты. Акча деген неменин кумарына азгырылган үй ээлери экөө таң эрте кетишет дагы, минтип кеч келишет. Кээде кафеден тамак ичип келишеби, жасалган тамакка да карашпай төшөккө жалп кулаган адаттары. Айым бул көрүнүшкө көнүп деле бүткөн.

********

Кечтен берки "Айикени көрөм" - деген тилеги иш жүзүнө ашпай кала турганын эстегенде Адыгей карыянын кабагы дароо бүркөлүп, эч сөзгө келбей үңкүйүп олтуруп калганда келини:

- Ата, сизге эмне болду? - деп сураган болду. Бирок бул берилген суроо абага айтылып калгандай сезилип, жооп болгон жок. Адыгей карыя берилген суроого жооп бермек турсун, уккан да эмес. Колунан алдырган куштай болуп, жер тиктеп олтурган карыянын кейиштүү бул көрүнүшү келинин сестенти белем, ал дагы кайра жаңыртып сурамак турсун сөз жалгаганга жарабай кайын атасын телмире тиктеп туруп, анын бул көрүнүшүнөн бир сырды байкады. Бирок ал эмне сыр экенин биле бербеди. Кайын ата менен келин урушкан адамдардай сөзгө келбей өз ойлору менен алек болуп олтурганда, майкечен үйдөн чыккан Эркинбек:

- Ата, сизге эмне болду? - деп, алгач атасына суроо менен кайрылды. Уулунун берген суроосунан улам чочуп кеткен Адыгей:

- Эч нерсе болгон жок! - деп бир башкача карады эле уулу:

- Билбейм, келиниң экөөңөр соодасы бүткөн сарттай эле шалдырап олтуруп калыптырсыңар?

- Балам, тилимди алсаң мени алиги доктуруңа алып барбай эле койчу. Бүгүн Медалбек курдашым менен бара турган жерим бар эле...

- Ата, кызык экенсиз. Сиз келгенден бери акча төлөп жатып эптеп кезек алсак, ошол кантип болсун. Ушунча келгенден кийин жакшылап көрүнүп кетиңиз. Бизди багам деп жүрүп оорусаңыз, анан сизди дурусураак доктурга көрсөтө албасак, биз анда шаарда эмнеге басып жүрөбүз. Эжем дагы катуу эскерткен "жакшылап дарылаткыла" - деп. Курдашыңыз бир сааттай убакыт күтө турар. Ашып кетсе бир саатта бошоп каласыз.

Бул сөздү укканда Адыгей карыяда үмүт оту жанып:

- Эмне алиги докторуң бир саатта эле көрүп коюбу?

- Анын эмнеси бар экен. Керек болсо он беш мүнөттө көрөт. Ал доктур бир күндө сизге окшогон "көрүнөм" - деп келген, көп кишини көргөнгө үлгүрүшү керек. Бир кишини бир күн кечке көрсө анда болмок беле. Адыгей карыя өңүн өзгөртүп:

- Анда эрте барып көрүнөлү. Мени эрте бошоткондой бол, болбосо Медалбек курдашыма уят болуп калам.

- Ата эч кам санабаңыз. Узиге тартат, анан жообун эртең өзүм алып коём. Курдашыңыз келсе үйдө күтүп тура турар - деп, сыртка чыга жөнөдү.

Айткандай мына үйдөн чыга берерде оңдой берди болуп Медалбек өзү келип калды. Саламдашып, ал акыбалды сурашкан соң Адыгей карыя:

- Медалбек, ырас учурунда келбедиңби, жүрү биз менен. Ошол жактан нары эле барчу жерге баралы деп, кайда барарын үстүртөн айтып берди. Медалбек бир нерсе айтайын деп оозун таптап барып, айта албай калды. Анткени Адыгейдин көз карашынан "ашыкча сөз сүйлөбө"- деген белгини байкап калды да, башын ийкеген болуп машинанын салонунан орун алып олтурду.

Узиге түшүп, бир сыйра көрүнгөндө маңдай чачы жок, саргычынан келген, орто жаштан өтүп калган, көз айнекчен доктор:

- Сиз ашыкча санаа чегип, бир нерсеге катуу капа болгонсуз. Сиздин ички органдарыңыз абдан таза экен. Болгону сизди ооруга кабылткан ичтен жеген санаа деп, сын көз менен карады эле, Адыгей карыя уурусун карматкан адамдай жүзүн ала качып:

- Менде эч деле санаа жок. Бир гана ойду эзген нерсе, карылыктын билинбей келгени. Акыркы кездерде кыймылым оор тартып, олтуруп - турганым жай болуп калды деп, үн каткан болду. Доктор мыйыгынан күлүп:

- Карыя, бул эми карылыктын келгени эмеспи. Жашоонун шарты ушул. Адам карыйт, жаштар ордун басат. Сиздин эми санаа тарта турган деле кезиңиз эмес экен. Балдарыңыз, ордун таап кетиптир, жашоо - турмушуңуз деле жаман эместей өңдүү. Бул сөздү укканда Адыгей карыя башын ийкеп:

- Туура айттыңыз. Бала-бакыра жагынан санаа тынч. Бирок эмнеге мындай болуп жатам билбейм?

- Аксакал, балким бирөөнү арзып калып жүрбөңүз? Карыганда келген ашыктыктын санаасы жаман деп уктум эле - деп, сын көз менен мыйыгынан күлө караганда, Адыгей карыя катар олтурган келин-уулунан уялып:

- Балам азыр кайдагы ашыктык, минтип жашоо сапары карып бара жатканда деп, жооткото сүйлөдү эле доктор:

- Карыя билсеңиз мага кечээ эле бир абышка келди. Ал абышканын өзүнүн айткан сөзүнө караганда бир келинди арзып калып, катуу санаа чеккенден улам, кудум сиздикиндей ооруга кабылыптыр. Мен сизден бекер сураган жокмун "бирөөнү арзып калган жоксузбу?" - деп. Бул "ашыктык"- деген неме дагы билинбегени менен адамды санаага салат. Азыр турмуш - шарт, жашоо багыты такыр башка нукка бурулуп калбадыбы. Уялбай эле айта бериңиз, сизди эзген санаанын дарегин. Балким ошого жараша иш кылат чыгарбыз. Карыя бул сөздү укканда катуу чычалаган болду. Бирок доктор, психолог болгон үчүнбү, карыянын дартын айттырбай эле билип койду. Адам баласы бир тилден, бир өзүнө билинбеген кыймыл аракеттен сыр алдырып коёрун жашырып болбойт. Адыгей карыя чычалабаган болсо анда, доктор шек албайт эле. Кимдин - ким экенин адистер, тактап айтканда психологдор алдына ала эле билип коюшат эмеспи. Сөз узарып бара жатканда доктор:

- Мени сыртта күтүп калышты. Бара берсеңиздер болот. Бул дарыларды ичиңиз деп, кагазга дарыларды жазып берди да. - Калганын убакыт өзү көрсөтөт - деди. Доктор тигилер сыртка чыгып бара жатканда, Эркинбекке кайрылды:

Сиз аярлап, бул кагаздарга кол коюп берсеңиз - деп шылтоо айтып бөлүп калды да:

- Атаңыздын дени сак, болгону ириде айттым го, санаа жеп жатат деп. Балким тилин таап жаш аял алып берсең, атаң жүзгө жете жашайт. Тоодо кымыз ичип, таза абада жашаган адамдардын ден-соолугу чың болот. Балким чекип сурап көр. Ата сеники, санаадан арылса эле болду, атаңдын алиги кесел адамдай болуп көрүнгөн сырт келбети калыбына келе түшөт. Көңүл өсмөйүн, көөдөн өспөйт эмеспи. Көңүлүн өстүрүп же жер көрсөтүп алаксыт. Дары ичип, ийне алгандан эч пайда жок.

Доктурдун айткан сөзүн үн дебей башын ийкеп угуп олтуруп, сыртка чыкканда ойго алаксып кетти "кантип эле атам ушул жашында сүйүүгө кабылсын?" - деп.

Бул кезде Адыгей карыя ичинен санаага батып "доктор уулума эмне айты болду экен, чын эле тиги киши кыйын экен, менин дартымды билип койду" - деп, бул жакка келгенине өкүнүп турганда уулу Эркинбек келип калды да:

- Ата, силер кайда барат элеңер, мен машина менен жеткирип коёюн! - деди эле, Адыгей карыя дагы калдастап:

- Балам, биз өзүбүз эле барабыз, сен ишиңден калбай кете бер. Бул сөз менен курган киши дагы сыр алдырып койду. Медалбек өзүн токтоо кармап:

- Эркинбек, сен келинди алып кете берсең болот. Биздин өзүбүзчө ишибиз бар. Курдашым курортко барганча, мени менен болсун. Биздин сагыныч тарай элек. Айылга барганда Адыгейдин далай сыйын көрдүм, эми менин дагы сыйымды көрсүн. Шаардын жакшы деген жерлерине алып барып, тоодон түшпөгөн курдашыма шаардын өскөнүн көрсөтөйүн. Эркинбек каршы экенин билгизип:

- Жок дегенде бир кафеге кирип даамдашалы, аяш ата - деди. Бул сунушка макул экенин билгизип:

- Анда бизге бирден кружка пиво алып бер. Тээ илгери жаш кезде Адыгейди мен жашыл базардан пиво алып берип сыйладым эле, азыр ал кездегидей пиво жок. Аттиң жаш кезек бир келет экен да көрсө, анан гүлдөп-бүрдөп турган жаш кезди булакка түшкөн мончоктой таппай калат экенсиң. Биз Адыгей экөөбүз тээ бала кезден бирге өсүп, бирге чоңойгонго, бири-бирибизге абдан жакын өстүк. Келин экөөңөр бизге туура түшүнгүлө. Силер дагы карыйсыңар деп, Эркинбек менен Алинаны карады.

Алина айткандай аялдык сын көз менен эки карыянын ар бир айткан сөзүнөн өзүнчө тыянак чыгарып жаткан. Бул жолу Медалбек карыянын даректүү айткан сөзүнө муюп, башын ийкеген болуп жооп берди. Ал эми Эркинбек күлө карап:

- Аяш ата, мен сиздерге туура түшүнөм. Силердин сөөгүңөр таза, жаш кезиңиздерден бери кара жумушка бышканыңар үчүн, дениңер соо, карылыкка баш бербей келе жатпайсыңарбы. Биз карыганда кандай болобуз аны эч ким билбейт. Жүрүңүздөр, анда мен сиздерди жакшы бир кафеге алып барып сыйлайын. Сен Алина үйгө кете бер - деди эле, Алина макул экенин билгизип:

- Макул анда жакшы барыңызыдар деп, жолуна түштү. Келини кеткенде Адыгей карыя кадимкидей өзүн эркин сезе түштү белем, үшкүрүнүп алды. Ооба, кайын атадан келин уялса, кайын ата дагы өз ордун билип кантип келинден жазганбайт. Баарынан дагы алиги доктор ачык эле " бирөөнү арзып калган жоксузбу?" -дегенде, өлбөгөн төрт шыйрагы калбадыбы. Андан дагы курдашы ашыкча сөз айтпаса экен деп, ичинен кымыңдап олтурду.

Машина түз эле Баха көчөсүндөгү "Апшерон" - деген шашылык саткан жерге келип токтоду. Эркинбек бул жердин пивосуна жана шашылыгына карады. Андан дагы атасынын катылып жаткан сырын чечмелеп билүү үчүн, акчасын аябай көп нерсеге заказ берип, анан акырын ичкилик ичирүүнү эп көрүп, аракка заказ берээрде Медалбек колун жаңсап:

- Эркинбек, арактын кереги жок. Биздин алыбыз калбай калбадыбы, ушул пивону эле аш кылалык. Минтип карылык айылына баш багып калганда, биздин пиво ичкенибиз дагы түшүнгөн кишиге уят. Эркинбек бул сунушка моюн сунуп:

- Аяш ата, мен да азыраак эреркеп кетпедимби, силер менен биринчи жолу кафеге киргенге. Биз сиздер үчүн баарын жасаганга милдеттүүбүз. Сөздү Адыгей бузду:

- Балам, бул сыйыңа ыракмат. Канча болду чын эле пиво ичпегениме. Бул шаарың жашап көнүп калган кишиге жөн эле жыргал турбайбы. Карасаң баары бар, эң негизгиси акчаң болсо болду экен да. Медалбек бир жерди теше тиктеп туруп:

- Адыгей, билесиңби, шаар бир караган кишиге жакшы болгону менен абасы кир, киши көп, ызы-чуу. Мага айыл эле жагат. Карыганда айыл көздөн учуп, эңсөө күч алып калат экен.

- Билесиңби, экөөбүз баягы Чырмаштын үйүнө келген шаардык кызга барганыбызды. Ал кыз өзүн "шаардан келдим"- деп бизди теңине албай кыйын болгонунан мен ойлоптурмун да "шаарда жашасам мен дагы көптү билип, көп нерсеге жетишем" - деп. Көрсө болгон таланттын баары, ишке жөндөмдүү кишинин көбүн байкасам, айылдан эле келген кишилер экен. Сөз ушул жерге келгенде Эркинбек ыгын келтирип:

- Аяш ата, бул "ашыктык" - деген неме карыганда дагы келе берчү немеби? Жана атамды көргөн доктор бир абышканы айтты го "бир келинге ашык болуп калып, санаа чегип ооруп жатат деген мааниде" Бул суроону күтпөгөн Медалбек өзүн дагы токтоо кармап:

- Эркинбек уулум, билсең "эркектин көзү -душман дагы, аял кишинин - кулагы душман"- деп бекер айтылып калган эмес. Эч качан эркектин көзү аялга анан байлыкка тойбойт жана тойгон эмес.

Мындан бир канча кылым илгери бир сексенге жашы барып калган аксакал карыя жаш кезинен кыйынчылык эмне экенин билбей өскөнгө, карыганга чейин жакшы тамак жеп, жакшы кийим кийгенге денеси чыйрак болуп, сексен жашында атка үсөнгү теппей секирип минчү экен. Адам баласынын көңүлү өсмөйүн, денеси өспөйт.

Анан бир күнү ал карыя булактан суу алып жаткан ай чырайлуу бир жаш келинге көзү түшүп калат да, биринчи көз караштан аны жактырып калып, ашыктык оорусу менен ооруп калган экен. Айтканга оңой болгону менен карыганда келген арзуу сезими адамдын кандай эзет. Жаш кезде келген ашыктыктан, карыганда келген ашыктыктын илебинин табы күчтүү болот. Аны башына келген киши эле билбесе, куру сөз менен айтып жеткизүүгө болбойт.

Анан курган киши ал сырын эч кимге айта албай, ичинен эзилип кайратынан кайта баштайт. Бул жалганда адам баласы карыганда, ашыктык илдетинин азабын тартпасын. Айткандай жаш өйдөлөгөндө ашыктык өзгөчө эркектерге келет. Ал эми аял затына келбесе керек. Анткени ушул жашка келгени бирөөнө ашык болгон карыган кемпирди көрмөк турсун, кулагым чалбаптыр. Ошол сепетен айтылган кеп бар эмеспи "кырк жашта жигит кыз жандайт, кырктагы кызды ким карайт" - деген. Ооба, ушундан улам аял затынын жашоодогу жолу кууш келет. Ак нерсеге көө сүйкөсөң тез көрүнөт, ал эми кара нерсеге көө сүйкөсөң эч нерсе байкалбагандай, эркектерге караганда аял затына сөз тез тийет.

Анан баягы карыя ашыктык отуна күйүп, ичинен бышып, күндө бир маал келин сууга келе турган учурда анын жолун карап олтурганды адатка айланткан экен. Бул жашоодо ар бир адамга бир жагынан берсе, бир жагынан кемитип коёт тура. Тиги карыянын баласы болуш болуп эл башкарып, эл жакшысы аталып, төбөсү көрүнүп турса, анан карыяны элде жок илдетке кабылтып койгонун карабайсыңбы. Ашыктык дагы билинбегени менен чоң илдетке кирет, ооз учунан айтып койгон менен. Башка илдеттин дарысы табылат, асты ашыктыктын илдетинин дабаасы табылышы кыйын. Анысысыңары абышка кимге айтат "мага тиги келинди алып бергиле" - деп. Андан дагы өзү оозго алынган аксакал, айыл башчысынын атасы болсо. Ал кезде намыс деген укмуш болгон да. Ооздон чыккан сөз ок болуп сайылчу. Азыркылардай оозуна келгенди оттоп, ашыкча сөз сүйлөө деген болгон эмес.

Акыры карыяны баягы ашыктык оорусу төшөккө жыгат. Төшөктөн турбай калган карыянын көзүнөн келиндин келбети учуп, аны бир көргөнгө зар болот. Уйку качып, болгон дитин жаш келиндин элеси ээлеп алат дагы, акыры көзү тунарып, тамакка табити тартпай калат. Бул жалганда баарынан ашыктыктын санаасынан өткөн санаа, күйүтүнөн өткөн күйүт жок. Айттым го, тиги кишиге байлыкты - байлыктай, баланы-баладай берген дагы, тигинтип урмат-сый көрүп төрдө олтурар кезинде, ашыктык илдетин берип койгонун.

Абышкага келин келип, көзүнө бир көрүнсө эле баштагы калыбына келчүдөй сезилет. Бирок келин кантип болуштун атасынын үйүнө келип, көзүнө көрүнмөк эле. Башка дартка кабылса дагы карыя айтат беле... Минтип ооздон чыкпаган дартка кабылганына ичинен сызып жатып күйүтү ичине түшүп кетет. Үшкүрсө оозунан ысык жалын чыгып, сөзгө келбей жатып калат. Жок эле дегенде баягы чогуу өскөн курдаштары эле болсо эмне. Аларга ичтен жеген санаасын айтып жеңилденип алат беле, ким билет.

Болуш атасынын ооруп төшөккө жыгылганына бушайман болуп "мен кыйын" - деген табып, молдо- кожо, көзү - ачык дегендердин баарын алдырат. Бирок эч ким илдеттин дабаасын таба албайт.

Бир күнү абышканын оорусу катуу экенин элден угуп, баягы келин өзү келет. Бул жашоодо жүрөктү эч ким алдай албайт. Анткени келин дагы өзүнө абышка ашык болуп калганын сууга келген сайын телмире тиктегенинен улам билип, акыркы кездерде өзүн карап күтүп турчу абышканы көрбөй калат дагы, ал дагы өзүнчө ойго алаксыйт. Анан баягы суудан өзүн күтүп алчу абышканын ооруп калганын кулагы чалып, эбин келтирип аны көрүү үчүн бир шылтоо айтып, өзү абышка жаткан боз үйгө баш багат. Эркинбек кызуу сөзгө куштар экенин билгизип:

- Эмне деген шылтоо айтат экен? - деп сураганда Медалбек карыя:

- Келин алгач абышканын кемпирине жолугат да, минтип айтат " Менин чоң апамдан калган эмчилик өнөрүм бар, азыр дагы жүрөгү түшкөн балдарды эмдей койгон адатымды кармап жүрөм. Балким атага менин эмим тийип калаар" - дейт. Бул сөздү укканда тиги кемпир көп жактыра бербей башын ийкеп макул экенин билгизет. Келин абышка жаткан боз үйгө баш баккан кезде карыя көзүн чылк жумуп, акырын дем алып жаткан болот, тилге келбей.

Келин дароо эле абышканын дартын билип, тегеректеп олтургандарды сыртка чыгышын суранат да, анан өзү абышкага жакын келип, кулагына акырын шыбырайт. "Мен келдим" - деп. Абышка келиндин үнүн укканда ишене бербейт. Качан келин экинчи жолу үнүн жогору чыгарып, абышканын билегинен кармаганда тамыры араң эле согуп жатканын сезип, кулагына дагы шыбырайт. "Мен атайын сиз үчүн келдим" - деп. Карыянын түшүнө кирбеген жорук. Уккан кулагына ишене бербей дагы бир азга жатат дагы, келиндин наздуу үнүн кайра дагы укканда жан кирип, көзүн ачып, көргөн көзүнө ишене бербей ушундай бир жагымдуу көз караш менен келинди карап, анын аппак болгон билегинен кыса кармап:

- Мен сени канча күттүм, сен деп санаа чегип, сен деп ооруп калбадымбы, акыры келдиңби?! - дейт. Аттиң, ашыктыктын жалынынын илеби. Курган абышканын тамыры араң эле согуп калганын билген келин, башын ийкеп жооп берип:

- Сиз өзүңүзгө караңыз, мен сиздин ооруп калганыңызды кеч угуп калдым, болбосо эрте келмекмин - дегендей болот. Карыя өзүнө жан тартып сүйлөгөн келиндин сөзүнөн ушундай бир кубат алып, алсыз көздөрүнө келиндин келбетин сактап калганга аракет кылат. Качан келин дагы жылуу сөзүн арнап, сыртагылар шексип калбасын деген ойдо акырын абышканын колунан сылап - Эртең дагы келем, ага чейин сак болуңуз деп сыртка чыгат. Келин келип кеткени абышка жаткан ордунан туруп, тамак ичкенге жарап калат. Мына ашыктык сезимдин кудуретинин бир белгиси. Абышка "эртең келем" - деп кеткен келиндин убадасын медер тутуп, абдан берилүү менен аны күтүп, тынч уктап, жүзүнө кан жүгүрө түшөт. Көңүлү өсүп, жашоого жаңы жаралып калгандай сезет. Бул жалганда ашык болуп калган адамдын жылуу сөзүн уккандан өткөн бакыт жок. Ар бир адам арзып калат, бирөөнү. Чындап алып карасак бул жашоодо арзып калган адамга жолугуп сүйлөшүү, пикир алышуу билинбегени менен кандай бакыт. Бирок баарынан жетпей калган сүйүү барктуу. Муну баардык эле адамдар билсе керек.

- Баса, мен сөздөн алыстап кеткен турбаймынбы. - Келин эртеси дагы келип, бир чай кайнам убакыт олтуруп, абышканын көңүл отун жандырып кетет. Абышка келин келип кеткени кадимкидей калыбына келе баштаганда, анын болуш баласы баш болуп, келиндин жасаган аракетине ишенип калышат "ырымдап жатат" - деген ойдо. Качан абышка арзуунун азабынан аз да болсо бошоно баштаган кезде, келин алыскы төркүнүнө кетип, ал айтылган учурдан кечигип келбей калат. Чыдамы кете күткөн абышка, келин менен сүйлөшүп, анын колун кармап, арзуусун ага билгизгени баштагыдан дагы ашыктыктын жибине бекем байланып калганга, күтүп олтуруп, чыдамы кете түшкөнгөбү аны ачык айтып болбойт, күтүүнүн чегине жетипби, келиндин акыркы жолу ысмын айтып, жан берген экен. Мына ашыктыктын карыганда келгендеги бир гана сыры. Абышка дүйнөдөн көчкөнүн уккан келин, ушундай болорун билгенин кийин айткан экен. Бул эми карыганда келген бир гана абышканын башына келген жорук - деп, сөзүнүн аягына чыгып:

- Эркинбек, билсең мен дагы карыганда ашыктыктын азабын тартып калгам. Сен эми эркек эмессиңби, бул айтылган сөздү ичиңе сакта деп, пиводон сыпаа ууртап:

- Эркек жандын башына эмнелер келип, эмнелер кетет. Ушул жагын эске ал деп, сөзүн кыска бүтүрүп, Адыгей карыяга акырын көз кысып койду. Бул белгинин артында чоң сыр жатканын Эркинбек биле бербеди. Анткени аны Медалбектин кызыктуу окуясы ойго салып койгон эле.

Суусундары канганча пиво ичкен эки карыя Эркинбектин сыйына абдан ыраазы болушту. Бирок экөө тең эч сыр беришкен жок жана бул күнү сасык жыттанып калдык деп, бара турган жерлерине барбай калышты.

***********

Таң күлөөнөк атканга чейин Айике кирпик ирмеген жок. Болгон дитин бир гана жашоосуна тынчтык бербегендер ээлеп алып, кантип бул машакаттан кутулуунун жолун издеди. Чынында жаш туруп турмушка чыккысы келген жок. Мектепти аяктары менен кимдир бирөөлөр ала качып кетээрин жүрөгү менен сезип, айла амал таба албай, сулуу болуп жаралып калганына өкүндү. Чоң апасынын кыз кезиндеги тарткан азабынан алда канча ашык азап тартаарын алдына ала эле билди. Айткандай оюна дагы эмнегедир сөз айткан балдар менен бирге Адыгей карыя дагы келип, чындап аны көргүсү келип кетти. Анткени өзүнө ашык болгондордун арасынан эң көп азап чеккени Адыгей карыя экенин тую сезими менен сезип, билип келет.

Абышканын мээрим төгө уурдана караган көз карашы, күндө алдынан тозуп чыкканы, сөз айта албай кыйналганын кантип эсинен чыгарат. Бир чети айылда жашаган жашоосу эле жакшы экен, байкаса. Шаарга келгени аз убакыт ичинде эле канча бала жолугушууга чакырып, арзуу эшигин кагышпады. Бирок бирине дагы жүрөгү жибип, көңүлү азгырылбады. Бир гана Марселдин "жардам берем" - деп жан тартканы болбосо, башка балдарды көңүлү жактыра бербеди.

Анткен менен Марселдин жан алы калбай сулуулугуна катуу кызыкканы, кулагы уга элек сөздөрдү айтып, өзүнө менчиктеп алуу үчүн жан далбастаганы бир жагынан күлкүсүн келтирсе, бир жагынан ойго салды. Ооба, чынында эле бойго жеткен кыздар үчүн жигиттерден жагымдуу сөз угуу эмне деген бакыт. Ал эми Айике үчүн жигиттерден сөз угуу кадыресе көрүнүшкө айланган үчүн, сөз айткандардын кадырына баа бербей, айтылган сөздөрүнө кулагы көнүп калган. Бирок алиги өңү суук баланын ишенимдүү "мага аял болушуң керек" - деп айткан сөзү кулагына жаңырып "анын көзүнө кантип чалдыкпоо керек?" - деген суроого жооп таба албай, башы катты. Ал турсун мындан ары аны көрбөй койгусу келди. Эгер ал чын эле уурдап кетип, катып алса анда кандай айла кылат. Ага аял болгончо. жашоодон кечип кеткени артык экенин анализдеп ой жүгүртүп көрдү. Түрүнүн суугу көз алдына тартылып, кара чаар жыланды көргөнсүп, аны эстесе эле итиркейи келип, ичиркенип алып жатты. Ушул жашка келгени адам баласынан андай ырайы суук баланы көзү чалбаптыр. Көзү менен атып жиберчүүдөй караган көз карашы, өзүнө ишеним арта айткан сөзүн эстегиси келбей кетти.

Таң эрте гана уйкуга көзү илинген Айике бул күнү сабакка барбай калды. Чоң апасы Айым ойготкону келип, көшүлүп уктап жаткан кызы таң атканга чейин уктабай чыкканын анын уктап жаткан калыбынан улам билип, ойготпой койду.

Айике чоң шашкеде гана ойгонуп, терезден сыртты карап, дароо ордунан тура калып саатка көз агытты. Сааттын жебеси он экини көргөзүп турганына көзү жеткенде сабакка барбай калганын билип, кайра жылуу төшөккө жата кетти.

Атаганат, уйкудан өткөн таттуу эмне бар? Уйку адамды кандай азгырып, кандай гана алаксытат. Айикени эле алып карасак, аягы жок санаа менен түбү жок ойдун кучагынан бир гана уйку алаксытпадыбы. Ушул себептен "уйку баарынан татуу"- деп айтылып калса керек.

Бир сааттай убакыт дагы уктап жатты да, анан уйкусу канганда жылуу төшөктөн туруп, сыртка чыкты. Чоң апасы ушуну эле күтүп тургансып:

- Кызым турдуңбу деги? - деди эле, Айике кабагы салыңкы:

- Апа, ойготуп койбойт белеңиз, бекер сабактан калдым.

- Кызым, ойготоюн деп кирсем сен менин киргенимди сезбей абдан катуу уктап жаткан экенсиң, уйкуң бузулбасын дедим. Бир күн сабактан калсаң эч нерсе деле болбойт. Сен эмес тиги эл башкарган чоңдор деле мурунку күнү тойго барып ичимдик ичип алышса, кийинки күнү ишке барбай эле коюшат экен. Алардын ишине караганда сенин окуган окуң жеңил эле эмеспи. Азыр жакшы окуган окуучу эмес, атасы бай окуучу кадырлуу болуп калган. Бул сөздү укканда Айике чоң апасынын таасын айткан сөзүнө муюп, ичинен ойлоп койду "апам туура айтат" - деп. Азыркы мектепте окуган классташтары, адамдын кийген кийимине жана акчасы көп адамга басып жасаарын келген күнү эле байкаган. Мугалимдер дагы байдын балдар - кыздарын көтөрмөлөп, көзүн карап турарын көп эле жолу баам салып билгени чын. Эмнегедир апасынын айткан сөзүнө эч жооп айтпастан сыртка чыкты да, дарбазадан окчун жерде токтоп турган машинаны бир башкача карап алып, ал машинадан шекшине түштү. Анткени ички тую сезими менен билдиби айтор, ал машина көзүнө бир башкача көрүнүп кетти. Дароо ал машина кечээки өзүнө ашык болгон ырайы суук баланын машинасы экенин аңдап билип, ичкери киргенче шашты да, апасына жакын келип:

- Апа, кечээки сиз көргөн машинанын өңү кандай эле? - деди. Айым жасап жаткан ишин токтотуп:

- Анын сага кандай кереги бар, эмне болду? - деп, суроолуу карады. Айике өңүн өзгөртүп:

- Билбейм, көчө жакта турган машина көзүмө бир башкача көрүнүп кетти. Балким тиги баланын машинасыбы?- деп ойлоп, сизден сурайын дедим. Айым кашын серпип, көзүн алайтып:

- Ал машинанын өңү кара түстө болучу. Азыр мен чыгып карайынчы деп, олтурган ордунан элпек туруп, сыртка чыга жөнөдү.

Көзүнө дароо баягы көзгө тааныш машина урунганда эле, жүрөгү бир башкача согуп, корккону өңүнөн билинип,изине кайтып, кызы Айикеге айтканга ашыкты. Санаа деген неме кандай күлүк. Дарбазадан ичкери киргенге чейин эмне деген гана ойду ойлогонго жетишти. Тиги бала машинасы менен кызын уурдап кетип бара жатканы көз алдына тартылып, шашканынан калдастап жыгылып кете дагы жаздады. Алдынан чыккан Айикеге үнүн бир башкача чыгарып:

- Кызым, жашын! Ал машина нак кечээки сени аңдыган баланын машинасы экен. Колуңдан келсе үйдөн чыга көрбө. Бөөдө сени ал балага уурдатып жиберип, жер сабап олтуруп калбайын. Сулуу болбой сумураң калгырдыкы десе. Бул сулуунун дагы ашыкча азабы болот. Ал менин башымдан өткөн, сулуулуктун азабын тарткам. Апасынын ашыкча чамынып айткан сөзү Айикенин дагы шаштысын кетирип салды. Дароо төркү үйгө кирип, терезеден сыртты карады. Машина дале ордунан жылбай турат. Коркконго кош көрүнөт болуп, жөн гана токтоп турган машина кыздын көзүнө бир укмуштай коркунучтуу көрүнүп кетти. Мына бул эми " колдун күчүнөн, сөздүн күчү күчтүүрөк кылат" - деп айтылган сөздүн аныктамасы. Сөз адам баласын кандай гана коркутуп, кандай гана кубанычка бөлөйт. Бекер айтылган эмес да "адам курсагынан эмес, кулагынан арыктайт" - деп. "Бирөө жете албай жүрсө, бирөө качып кете албай жүрөт" - дегендей, Разидин, Айикеге жете албай жүрсө, Айике андан качып кутула албасына көзү жетип, бөлмөдөн чыкпай бир топко олтурду.

********

Эх бул жашоодогу жаман сапат, жаман адат, жаман сөз, жаман иш, жаман нерсенин баары адам баласынын жүрөгүн кандай оорутат. Эгер Разидин кызга карата болгон көз карашын орой айтпай, жылуу сөз менен билдиргенде, анда өзүнүн өңүнүн суугу деле байкалбай калат беле ким билет. Ооба, жакшы сөздү айбан дагы түшүнөт. Бирок жаман адамдардын оозунан жакшы сөздүн чыгышы чанда гана кезигет. Ушул себептен "кылыч жарасы бүтөт, сөз жарасы бүтпөйт" - деп бекер жерден айтылып калган эмес да.

Разидин жаш кезинен абактын даамын таткангабы, ал жактан үйрөнгөн сапаты, сөзгө сындырган адаты кармап, кыздын жүрөгүн ушул жол менен багындырып алам деген кыска оюу туура эмес болуп калганын кеч билип, кызды аңдып келип үйдү таап алды да, эч эринбей анын үйдөн чыгышын күтүп олтуруп, кыз үйүнөн чыгып, Марселге жолукканын дароо байкап, жакын жерден аңдыды. Ал турсун алардын сүйлөшкөн кээ бир сөздөрүн угуп алып, Марселди коркутуп коюну ойлоду. Качан гана экөөнүн сөзү бүтүп, кыз үйүнө кирип кеткенде артынан келип Марселди кармап алып, аны машинасына салды. Каршылык көргөзгөнгө Марселдин күчү жеткен жок. Көздөрү сүрдүү, адамды суук көз караш менен караган Разидиндин турган турпаты, аз сүйлөп, кыймылы менен талап коё билгени Марселдин тилин бууп, сөз сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бербеди. Машина ордунан жылып, шаардын четине барып токтоду. Разидин абактын тилин колдонуп, абдан катуу коркутуп кирди. Аз убакыт илгери эле кыйын болуп жаткан Марсел, Разидиндин ар бир айткан сөзүнө жооп бере албай, ал турсун жаны аман калышынан күмөн санап, денесин майда калтырак басып, ушул жашка келгени бирөөнөн мынчалык коркуп көрбөсө керек, жөн эле жан алгыч көзүнө көрүнүп, анын сөзүнө эч каршы сөз айта албай, тилин жутуп алган адамдай гана туруп берди. Жарым саат мурда эле кыздын жанында өзүн бактылуу сезип жаткан Марсел, Разидиндин жанынан кетип калса эле жаны жай алчудай сезилип "Экинчи мен ал кыздын жанына жакын жолобойм" - деген сөздү кантип айтты өзү дагы билбей калды.

Абакта жатып адамдын ойлогон оюн, ал турсун сүйлөй турган сөзүнөн бери алдына ала билип калган Разидин, Марселдин суу жүрөк экенин дароо билип, катуу коркутуп коюну эсинен чыгарган жок. Дайыма машинасына салып жүрүчү, абактан жасатып чыккан кооз саптуу бычагын алып чыгып, Марселдин кекиртегине такап, үнүн жогору чыгарып:

- Мындан кийин мен, сени алиги кыздын жанына жакын жологонуңду көрсөм, койду мууздагандай гана мууздап салам. Эй, ширеңке баш, сен эмне менден кыз талашканга жарап калдыңбы?! Бычактын муздак мизи кекиртегине такалганда Марселдин өңү ак чүпөрөктөй өчүп, коркконунан купкуу болуп кетти. Эх, билинбегени менен адам баласынын башына коркунуч келгенде, кандай гана абалга туш келет. Жан деген кандай таттуу. Атакесинин акчасына көөп, сөзү чоң чыккан Марсел үчүн ушул окуя жашоонун кыйынчылыгын көрсөтүп койду. Мындай убакта акчанын, чоң сүйлөткөн байлыктын, бардар жашоонун эч кандай таасири жок болуп калаарын билди. Жашоо үчүн күрөшүү кандай гана ойго алып келбейт. Марселдин бул турган турпаты, көзүнө көрүмчү көрүнүп корккондой абалга туш кылды. Разидин качан гана бычакты тартып алганда, Марсел үчүн жашоодон үмүт пайда болду. Эгер дагы биртике коркутканда Марсел шымын булгап салат беле ким билет. Баасы кымбат, боюна жарашыктуу кийим кийгени эле бир шишканын же чөнтөгү калың адамдын баласы экенинен белги берип турганын Разидин дароо эле билген. "Ачка адамга жардам бериш оңой, өтө тоюп алган адамга жардам берген кыйын" - деп айтылгандай, башка кыйынчылык келгенде алгач кыйналып көрбөгөн байлар көбүрөөк азап чегиши турган иш экенин Разидин абакта жатканда байкаган. Айткандай эгер Марсел аз да болсо жашоонун кыйынчылыгын көрүп калган болсо, мынчалык коркуп, сыр алдырбайт эле. Ушул жашка келгени азыркыдай коркуп көрбөгөнгө, Марсел аз жерден өзүн жоготуп коё жаздады.

Жалаң барчылыктын үстүндө, атасы менен апасынын эркелетүүсүндө бал муздак жеп чоңойгон баланын бул абалына Разидин ичинен күлдү. Кыздай болуп назик өскөнүн, башына эч кыйынчылык келбегенин курган бала өзү билгизип койду.

Разидин жаш баланы көп кынабайын деген ойдо кайра машинасына салып келип, шаардын четине түшүрүп жатып:

- Эй, ширенке баш, өз жолуңду билип жүр, макулбу?! - деди эле, Марсел тиги ырайы сууктун колунан кутулганына сүйүнүп, тили сүйлөгөнгө жарабай, башын ийкеп гана жооп берди да, машинадан түшүп калды. Эки жакты элеңдеп карап алып, жол жээгинде токтоп турган таксилердин бирине олтуруп үйүнө келгенче ар нерселерди ойлоп, кантип келип калганын билбей калды. Коркконунан оозуна учук чыгып, өңү өчүп, көзүнүн иреңи качып калганын билгизбөө үчүн ваннага кирип жуунуп чыгып, эч сөзгө келбей төшөккө баш койду. Жатып алып "бир кыз үчүн жаным учуп кете жаздады, андан башка кыз калбай калса дагы эмне болуптур, Айикеге жолукпай койсом кутуламбы" - деген ойду ойлоду.

Ар кандай ойдун кучагында жатып көзү илинип кеткен Марсел жаман түш көрдү. Түн ортосунда уйкудан ойгонуп, таң атканга чейин уктай албай койду. Көз алдына бир Айике тартылса, бир Разидин тартылып, кимисинин талабын аткарууну тандай албай башы катты. Эртеси сабакка барган жок, анын себеби санаа тарткангабы денеси ысып, төшөктөн тура албай койду. Апасы менен атасы чарк көпөлөк болуп айланып, дары-дермегин берип, жылуулап жаап коюшуп иштерине кетти.

Катуу коркуп калган Марселдин көз алдына Разидин тартылып, үйдөн чыкса эле ал кайра кармап алчудай сезиле берди. Андан дагы кечинде анын көзүнөн эле билген, банги зат колдонуп алганын. Банги зат колдонгон адамдын колунан эч качан жакшылык келбесин уккан үчүн коркту. Эгер ал Айикени алып калса, анда эле анын шорунун катканы экенин ойлоп, жаткан ордунан тура калып классташына телефон чалды. Бирок ичтен жеген санаасын ага айта алган жок, анын телефону өчүк болучу. Сабак учурунда мугалим талап кылат "телефонуңарды өчүргүлө" - деп. Бир кезде кайра телефонун терип, башка досуна чалды. Бул жолу ал досу тез эле жооп берди:

- Алоо, Марсел угуп жатам! - деп. Марсел катуу ооруп айыккан кишидей үнүн жай чыгарып:

- Илим, Фархатка айтчы, мага телефон чалсын, анын телефону өчүк экен.

-Марсел, сага эмне болду, эмне сабакка келген жоксуң?

-Аны кийин айтып берем, эгер макул көрсөң, Фархат экөөңөр азыр үйгө келгилечи, силер менен бир маселени чечишип алыш керек болуп жатат. Азыр мен ооруп калдым. Илим шашып жооп берди:

-Марсел, биз азыр барып калабыз - деп.

-Аз убакыт өтпөй үйгө келген экөөнөн Марселдин алгач сураганы эле бул болду:

- - Айике сабакка келдиби? Фархат суроолу карап:

- - Келген жок. Эмне болду анчалык? Жоопту укканда Марсел азга үнсүз туруп:

- - Анда аны тиги бандит уурдап кеткен тура? - деп, кечинде болгон окуяны бир баштан айтып берди, чын ыкласынан берилип, көркөм сөзгө салып. Сөзгө-сөз кошуп Марселдин бир укмуш кылып, кооз айткан сөздөрүнө тиги экөө чындап ишенип калышты да, Айикенин дайынын билүүгө жөнөп кетишти.

*********

Көптөн бери пиво ичпегенгеби, Адыгей карыя кызып калды. Жаш кезинде ичкенде дайыма үнүн созуп ырдап калчу. Бул жолу дагы машинада кыңылдап ырдап келе жатып, уулуна кайрылды:

- Уулум, мени кечирип кой. Көптөн бери ичпегенге, кызып калдым көрүнөт. Ичкилик бул адамды убактылуу жыргатканы менен, акырындап өзүнүн сазына соруп тынат. Билсең Медал курдашым экөөбүз бүгүн бир жерге баралы да, жаш кезди эстеп келели дедик эле деп, андан аркы сөзүн айтпай токтоп калганда, Эркинбектин оюу бузулду "бул эки абышка жанагы бузулган кыздарга барышмак го" - деп. Андан дагы атасы сөзүнүн аягына чыкпай калганы бушайманга салды. Бир жагынан атасына андай жерди ыраа көрбөй турду. Медалбек аяш атасы шаарда жашагандыктан, атасын бузганы жатабы - деген дагы ойду ойлоду. Табышмактантып айтылган сөздүн түйүнүн чечкенге чейин кандай гана ойлор башка келбейт. Ар бир айтылган сөздүн эки мааниси болот. Жаман жагын кабыл алган киши санаага батып, жакшы жагын кабыл алган киши таттуу кыялга жетеленет эмеспи. Эркинбек айтылган сөздүн жаман жагын кабыл алып алганга, санаага батып бир топко үнсүз келип, акыры чыдабай кетип:

- Ата, кайда баралы дедиңер эле? - деди. Айикени ойлоп кыялга жетеленип кеткен Адыгей аз жерден "Айикени көргөнү" - деп айтып ала жаздап, өзүн араң кармап калды да:

- Ээ балам, аны эмне кылат экенсиң. Биз да бир кезде жаш болгонбуз. Жаштык кез бир келет экен да, бир кетет экен. Кайда бармак элек, айттым го жаш кезди эстегени - деп. Бул сөздүн артында эмне сөз жатканын толук аңдабаган Эркинбек:

- Ата, бара турган жериңерге мен эле машина менен жеткизип койгонум оң болуп жүрбөсүн?

- Балам, азыр ден-соолук калыбында. Медалбек экөөбүз такси деле кармай коюбуз, сени убара кылбай. Ишиңден калба. Бул шаардыктардын убактысы тар болот экен, көрдүм. Көчөдө машинанын тыгыны көп, элдин көбү деги койчу деп, сөз багытын башка жакка буруп кетти.

- Мен жаш кезде шаарга келгенде мынчалык машина жок эле. Бирок ал кезде шаардын тазалыгы укмуш жакшы болучу. Азыр абдан эле булганып бүтүптүр, бир гана акчанын артынан калбай жүгүрүп, өзүн гана ойлогондордун айынан. Байкасам бизди орус башкарган эле оң өңдүү. Тартип бар эле, бир кезде. Эркинбектин кулагына бул сөздөр кирген жок. Бир гана атасы кайда барат ошол болгон дитин ээлеп алып, санаага алдырып жиберди. Көзү жолду караганы менен оюу башка жакта болуп, атасынын кээ бир айткан сөздөрүн укпай да калды.

Машина үйдүн эшигинин алдына келип токтогондо, Адыгей карыя дароо эле ажааткананы көздөй кадам таштады. Анткени пиво өз вазыйпасын аткарып, табарсыкка чуркаганы карыянын шаштысын кетирди. Баам салбаганыбыз менен пиво бөйрөктү тазалайт деп айтылат эмеспи. Ажаатканга жеткен карыя ушундай бир ыракаттана бошонуп алып, кадимкидей эс ала түштү.

Эмне болгон күндө дагы кайын ата, келинден жазганат. Адыгей карыя келининен ыйбаа кылып өзү жаткан бөлмөгө кирип кетип кайра чыккан жок, "жытанганым билинбесин"- деп.

Бирок оюнан баягы эле арзып жанын жай алдырбаган Айике кеткен жок. Бүгүн аны көргөнгө кандай ынтызары күч болду эле. Эгер уулу жолтоо болбогон болсо азыр арзыганын өз көзү менен көрүп, Айымдын чайын ичип, небереси менен чоң энесин салыштырып карап, бир кумардан чыкпайт беле... Кап! Болбой калды. Жүрөгү бат-бат согуп, эмнегедир Айикени эстегенгеби тынчы кете түштү. Балким кан басымы көтөрүлүп кеттиби, чалкасынан жаткан калыбында көзү тунарып, асманга учуп бара жаткансып сулк жатып калды. Канча жатканын билбейт, көзүн ачса такыр башка жакта жатыптыр. Терезени караса сырт караңгы, бирок жаткан жери чоочундай. Уулунун үйү дейин десе темир кроватта жатат. Акылы жетпей эки жакты аяр караган болду да, кайра көзүн жумду. Бул жолу эмнегедир тез эле уктап кетти.

Эртең менен ак халат кийинген медик кыздын ойготконунан улам билди ооруканага келип жатып калганын. Мед айым ийне сайып, колтугуна градусник салып эч үн дебестен кайра изине кайтып кетип калды. Эми гана билди, ооруканага жатып калганын. Эмне болуп бул жакка келип калганына акылы жетпей, абдан таң калды. Бир баштан болуп өткөн окуяны эстеп көрдү. Кечинде кадимкисиндей эле уулунун үйүнө келип жаткан, анан уктап кеткенин бир билет, калганы эсинде жок. Шыпты тиктеп бир топко жатты. Аппак болгон палатанын ичине текши көз жүгүрүтп алып, дагы ойго алаксып кетти. Алгач эле оюна "кап, бүгүн дагы Айикени көрбөй каламбы" - деген ой дароо мээсине кыттай уюп, кайра санаага алдырып жиберди. Санаа адамдын кан басымын жогорулатары анык иш. Бир гана Айике үчүн минтип атайын жол кезип шаарга келсе, келгени менен алигиче аны көрө албай, караанына зар болгонуна ичи ачышып кетти. Аз убакыт өтпөй врач келип карыянын кан басымын текшерип, кайра жогорулап кеткенин билип, калдастай түштү. Кечинде кандай келсе абалы ошондой эле болуп чыкты. Темпиратурасы да жогору. Врачтын кабагы бүркөлүп, эмне кылышты билбей шалдырап олтуруп калганда, карыя акырын үнүн чыгарып:

- Балам, менин абалым жакшы эле. Мен мында эмне болуп келип калдым? - деди. Сулк жаткан карыянын тилге келгени аз да болсо жакшы маанай тартуулап:

- Аксакал, сизге санаа чеккенге болбойт. Кечинде аз жерден гана калдыңыз. Болбосо азыр сиз минтип бул жерде жатпайт элеңиз. Карыя үнүн жай чыгарып:

- Менде кайдагы санаа, мүмкүн болсо мени чыгарып эле койгула. Айылыма эле кетпесем болбой калды көрүнөт. Кемпиримдин ысык чайын ичсем эле айыгып кетем. Врач күлүп:

- Аксакал, кемпириңиздин чайын ичкиңиз келсе санаага алдырбаңыз. Баса, сиз кечинде Айике деп кобурандыңыз, ал ким эле? - дегенде Адыгей карыя эми гана өзүнө толук келип:

- Балам, аны өзүм да билбейм. Балким оозума келген бир ат болгондур. Сенден бир өтүнүч, дарыңды жазып бер дагы, мени чыгаргандай бол. Тилди алсаң үйдөн эле дарыланайын.

- Болбойт, сиздин абалыңыз бул болсо, мен кантип сизди чыгарып жиберет элем. Эгер эрте үйгө кетем десеңиз, санаа тартып, ойлонбоңуз. Балким сизди жанагы Айике деген неме санаага салып жаткан жокпу? - деп мыйыгынан күлгөн болду эле, Адыгей карыя:

- Карыганда мага андай нерсенин кереги эмне. Аны коюп тынч үйүмө барып жатканым жакшы эмеспи. Кечинде курдашым экөөбүз азыраак пиво ичип койдук элек, ошонуку болсо керек деп, сөз өңүтүн башкага бурган болду. Аңгыча эле уулу Эркинбек келип калды. Уулунун караанын көргөндө карыяда бир ой пайда болду "кап, кечинде ал дагы "Айике" - деп айткан сөзүмдү угуп калбады болду бекен" - деген. Эркинбе учурашкан соң дароо врачка кайрылды:

- Эмне дейсиз, атам деги жакшыбы?

- Аны өзүң көрүп турбайсыңбы? Баса мен сага дары жазып берейин, алып келип бер. Кан басымы түшпөй жатат. Кечээ бекер ичиргенсиңер. Каны суюулуп кеткенби, айтор азыр дагы абалы анча жакшы эмес деп, врач сыртка чыга жөнөдү. Артынан чыккан Эркинбек аны менен бөлмөсүн көздөй жөнөгөнүн көрүп, Адыгей карыяны эми чындап санаа басты. "Айике жөнүндө эми уулум билбей эле койсо экен. Кайдан дагы шаарга келе койдум эле" - деп. "Каман өлсө тиши калат, адам өлсө иши калат" - дегендей, Адыгей карыянын минтип ойдо жок жерден ооруканага жатып калганы, арзуусуна жолуга турган иши калып, кайрадан санаа курчады.

Убакыт түшкө жакындап калган кезде шашыла басып астананы аттап курдашы Медалбек келип калды. Аны көргөндө Адыгей карыя эрэркеп кетти. Экөө кучакташып көрүшкөн соң Медалбек:

- Ой, деги сага эмне болду?

- Билбейм, эртең менен көзүмдү ачсам ушул жерде жатып калыптырмын. Түндө тез жардам менен келиптирмин. Кан басымым жогорулап кеткен өңдүү.

- Адыгей, ден-соолукка кара. Сенин азыр жашай турган кезиң. Баса жанагы кызды көп ойлой бербечи. Балким анын санаасы ушуга алып келип жүрбөсүн.

- Медалбек, анда эмне күнөө. Мага ичкилик жакпайт өңдүү. Кап, эгер азыр оорубасам ушул маалда тиги жакта болбойт белек...

- Айттым го, аны ойлобо деп. Мен азыр ошол жакка барам. Айым менен телефон аркылуу сүйлөшүп "келем" - деп койгон элем. Барып калсам айтам, кызың менен барып учурашып кет деп. Бул сөздү укканда Адыгейде кандайдыр бир үмүт оту жанып:

- Айт, сөзсүз келип кетсинчи. Менин дартымды бир гана сен билесиң. Башка жан адам билбейт. Медалбек кабагын түйүп, бир саамга жер тиктеген болуп, өңүн бузуп:

- Курдашым, бул жалганда билесиңби, баары айкын болот. "Кыңыр иш кырк жылда да билинет" - деген кеп бар. Кечээ сен бул жакка келе жатканда Айкенин атын айтып жөлөптүрсүң. Менден Эркинбек сураганда "жаш кезинде жетпей калган сүйлөшкөн кызы болчу " - деп койдум. Эми оорусаң дагы жөөлүй көрбө. Коркпо уулуңа түшүндүрүп айттым, ал жөнүндө эч кимге атпагандай кылып. Адыгей карыя үнсүз туруп:

- Ырас кылган экенсиң. Ушундан көрө жаным чыгып кетсе кана. Айике жөнүндө эч ким билбей калганы мен үчүн чоң олжо эле. Кап, ал кылыгымдын дагы чет-чебери билинип калгансып калды өңдөнөт. Ушул жашка келгени ашыктык отуна мынчалык кабылып көргөн эмес элем. Курган кыз кайсы күнү көзүмө чалынып, жүрөгүмдү эмне мынча ээлеп алды экен. Кечээ сен айткан окуянын изгини менин тагдырыма байланыштуу болуп калды өңдөнөт. Чынын айтсам азыр Айикени көрсөм, бул оорудан нак айыгат элем. Анын турпатын бир көрүп жаным чыкса арманым жок эле. Бул жалганда менин абалымды жан адамга ыраа көрбөйт болчумун. Мен куруюн. Карыганда минтип кайдагы ойго келбеген нерсеге кабылып, жан кыйналып ооруканага жатып калам деген оюма келбеди эле.

- Адыгей, сен антип жаш баланын сөзүн айтпа. Мен эле эмне жыргап жашап жатат дейсиңби. Алиги жаш келиндин келбети, мага жасаган мамилеси, балыктай туйлаган ак денеси азыр дагы көз алдыма тартылып, аны бир көргөнгө зар болуп жүргөнүмдү жан адамга билгизбей эле жүрөм. Какайып сыртымдан сыр бербегеним менен, ичим толо арман. Анын четин сага айтпадым беле. Эки абышканын сөзү бир топко уланды. Акыры Медалбек палатадан чыгып бара жатып:

- Адыгей эртең келем, мени күт. Калган сөздү анан сүйлөшөбүз дегенде, Адыгей карыя көз карашы менен гана билгизди "Айике келгендей болсун" - деген сөздү.

*********

Сырткы эшик кагылганда чоң эне менен неберенин көздөрү умачтай ачылып, корккондорунан бирин-бири ушундай бир башкача көз караш менен карап туруп калышты. Эшик экинчи жолу кагылганда Айым олтурган ордунан туруп:

Бул ким? - деген болду. Айике дароо терезеден алиги машинаны карады. Машина дале бир орундан жылбай турганын көрүп, кайра башын ылдый кыла койду, кудум ууру кылып жаткан адамдай. Бир кезде сырттан эркек адамдын үнү чыкканда Айикени коркунуч кайра каптады. Аңгыча эле апасы Айым:

Ой, сен кайдан, деги барсыңбы? - деген сөзүн укканда гана Айике үйгө тааныш адам келгенин билип, өзүнө келе түштү.

Сырттан кирген Медалбек, Айымды көргөндө.

- Айым, сени көрөр күн дагы келет экен ээ? Ушул күндү канча күтүп жүрдүм! - деп, жакын келип Айымды бооруна кыскан болду. Айым ушул саам баягы жаш кезин эстеп, азга мукактана түштү. Мунун себеби өзүнө ашык болгондордун бири ушул Медалбек эмеспи. Медалбек көлөкөдөй болуп артынан канча жүгүрдү. Анткен менен аз да болсо ошол кезде Медалбек жөнүндө ойлоно калчу. Кылгыра караган көз карашы, суктанып сөз айтканы, кантип эсинен чыгат. Кыз кездеги таттуу учур жигиттерден сөз угуп, арзуусун кылыктанып кабыл албай назданган кандай жарашыктуу көрүнүш. Айым дагы бир кезде ошол адатты карматып, Медалбектин арзуусун кабыл албай койгон. Азыр ошол кезин эстеп азга ойго алаксый түштү. Ушул аз убакыт ичинде экөө тең жаш кездерин учкай эстегенге үлгүрүштү. Айткандай адам баласы өткөн кезине баа бербей, ошол кездин бактылуу мүнөттөрү учурунда билинбей кеткенин кийин гана түшүнүп, эскерип, эстеп калышары тээ атам замандан бери эле жашап келе жатпайбы. Бул экөө дагы бир кездеги бактылуу күндөр артта калганын ушул жолугушуу учурунда эстешти. "Чырпыгына доо кетсе, дарак өзү ооруйт" -дегендей, эки курдаш жаш кездерин азга эске салышып, оозго сөз келбей турганда, ичкериден булуттан чыккан айга окшоп, бой мүчөсү келишкен, карагандан көз талыбаган, көздүн көркү болгон жаш кыздын чыгып келгени Медалбектин эсин оодарды. Бир саамга кыздан көзүн албай туруп. Анан өзүн колго алып:

- Айым, бул кыз сенин бир кездеги элесиң го? Ушундай дагы окшоштуктар болот деп ойлогон эмес элем. Кудум сени жашартып койгондой болуп, сенин эле кыз кезиңди эске салды деп, Айикенини чекесинен өөп:

- Ылайым бактылуу бол! - деген болду. Бирок билинбегени менен жүрөгү бир козголуп, чоң толкундагы токтун күчү денесин ургансып, көзүн бат-бат ирмеп, толкунданып алды. Атаганат, бул жүрөктүн эңсөөсүндөй эңсөө, талабындай талап жок белем. Медалбек эч сыр бербей Айым экөө сүйлөшкөнү менен, эркектин душманы болгон көзү улам жаш кызды караганга түрткү берип жатты. Ысык чай алдыга келип, сөз кызуусуна кирип калган кезде, сырттан үй ээлери келип калышты. Медалбекти тааныган үй ээси абдан жакшы маанай менен учурашты. Кантсе дагы эски көздү көргөндө адам баласы бир башкача абалага кабылат эмеспи. Сөз эми такыр башка нукта уланды. Эгемберди жан алы калбай:

- Ырас келген турбайсызбы. Апам жалгыз олтуруп ээригип жатты эле. Азыр тамак жасай калсын деди. Айике бул жолу сөзгө аралашпай ички үйгө кирип терезеден сырты карса, машинанын жанында өзү корккон бала эмес, курсагы чыккан бир киши турганын көрүп, бырс күлүп жиберди. Аны көргөндө гана тиги машина анын машинасы экенин билип, дагы күлкүсү келип кетти. Шаарда окшош машиналар толуп жатпайбы. Эмнеге муну жана эске алган жок. Коркконго кош көрүнөт болгонун билип, оозгу үйгө чыкты. Толкундар жээкте түгөнгөндөй, үй ээлери келгенге Айикенин корккону дагы түгөнүп, коркуу сезими каякадыр толкундардай сүрүлүп жок болуп, өзүн эркин сезип дарбазадан сыртка чыкты. Баягы апасы экөөнү коркунучка салган машина эми гана ордунан жылып, каякадыр сапар алды. Жаш кыз ушул саам билди, сөздүн күчү адамды коркутуп, ар кандай ойго саларын.

Аңгыча эле жеңеси ичтен үн салып калды:

-Айике, дүкөнгө барып келе калчы - деп. Эртеден бери үйдө камалып олтургангабы, эмнегидир бул сунушка лам дебей макул болуп, колуна сумканы алып дүкөнгө жөнөдү, керектүү нерсени алып келгени. Бул учурда үйдөгүлөр кызуу сөзгө кирип калышкан. Айике эч жаман нерсе оюнда жок алчуусун алып дүкөндөн чыкканда, алдын тозуп көзгө тааныш караан көрүндү. Бул караан Разидиндин карааны болучу. Жаш кыздын жүрөгү кабынан чыгып кете тургансып тез-тез кагып, коркконунан өңү бозоруп кетти. Анткени көз алдына адам баласы эмес, жан алгыч тургандай көрүнүп кеткен эле.

**********

Карыя эки апта ооруканада жатып, баштагыдан алда канча арыктап, сөөгү оркоюп, көзгө башкача болуп көрүнүп чыкты. Бул арада кемпири да келип жанында болду. Дарынын күчү карылык айылына тез алып келгендей, шайы кеткен Адыгей карыя көзгө абдан комсоо көрүнүп, тез эле карып кеткендей сезилди. Анткени буга чейин баскан турганы алда канча тың болучу. Ийне жеген денеси кадимкидей билинип, дарыдан качып калганын өзү эле эмес, кемпири да билди. Бирок карыянын көңүлүнө карап эч ким эч нерсе айтышкан жок.

Эркинбек базардан бир кой алып келип союп, кан чыгарып, түлөө кылып коюну ойлоп, мал саткан базарга жөнөдү. Акыркы кездерде чындап атасына боору ооруп кетти. Кантип унутат, бала-бакыраны багам деп, канчалаган жылдар малдын артынан түшпөй тоонун кырларында кой кайтарып, жок издеп азап жеп ысык-суукта жүргөн күндөрүн. "Карабаса катын кетет, бакпаса мал кетет" - дегендей, малдын дагы малдай түйшүгү болорун Эркинбек элеттик бала болгон үчүн түшүнбөй койгон жок. Бирок атасынын дарты эмнеде экенин так биле албай ичинен эзилип, бушайман болуп, санаага бата түштү.

Машинасы менен мал базарга бара жатып, эмнегедир оюна бир нерсе кылт эте түштү да, газета саткан күркөөгө келип көзү ачыктар чыккан газетаны сатып алды. Анан андагы сүрөттөрү менен чыккан "мен кыйратам" - деген көзү ачыктардын жарнамасына көз жүгүртүп, акыры бирөөнү тандап алган соң, анын дарегин жазып алып, али убакыт эрте экенин эске алып, машинанын рулун ал жакка бурду. Айтылган дарекке келип, дарбазаны какты эле, ак топу кийген, жаш бала утурлап чыгып кабыл алган соң:

-Азга күтө туруңуз, тиги киши бош эмес эле - деди. Жыгачтан жасалган узун олтургучка көчүк басып олтуруп, дагы ойго алаксып кетти. Эмнегедир ушул саам оюна баягы врачтын айткан сөзү келди "Атаңыздын дени сак, болгону ириде айттым го, санаа жеп жатат деп. Балким тилин таап жаш аял алып берсең, атаң жүзгө жете жашайт. Тоодо кымыз ичип, таза абада жашаган адамдардын ден-соолугу чың болот. Балким чекип сурап көр. Ата сеники, санаадан арылса эле болду, атаңдын алиги кесел адамдай болуп көрүнгөн сырт келбети калыбына келе түшөт. Көңүл өсмөйүн көөдөн өспөйт эмеспи. Көңүлүн өстүрүп же жер көрсөтүп алаксыт. Дары ичип, ийне алгандан эч пайда жок" - дегенин эстеп, көңүлү кирдей түштү. "Ушул жашында кайдагы жаш аялды алат эле" -деп. Аңгыча эле алиги бала шыпылдай басып келип:

- Кириңиз, тиги киши бошоду? - деди. Эркинбек ичкери кирсе, газетадагы сүрөтүнөн көргөн киши жылуу кабыл алды да, колун жаңсап ишарат кылды, мындай олтуруңуз дегенсип.

Эркинбек жайланышып олтурган соң, келген жөнүн айтып берди эле тиги киши:

- Ал кишини көрмөйүн эч нерсе айта албайм. Жок дегенде акыркы түшкөн сүрөтүн ала келсеңиз болмок. Эртең түшкө чейин келгендей болуңуз, колумдан келген жардамымды бергендей болоюн. Эркинбек өкүнгөнүн жүзүнөн билгизип:- Макул, кап ушул эсиме келген эмес экен. Эртең келейин деп убада берип, сыртка чыкты да, машинасы айдап бара жатып, врачтын айткан сөзүн кайра эстеп,

Балким чын эле атам бирөөнү арзып калган чыгар. Медалбек карыя баягы окуяны мага бекер айтып берген жок. Эмнегедир атамдын көзүнүн тереңинде бир сыр катылып жатат. Ал сырдын түйүнүн чечмейин атам бул оорудан сакайбайт деп чукул ойлоп, Медалбек карыя менен сүйлөшүп көрүүнү эп көрдү.

Мал базарга келсе, кыжы-кужу. Таза кыркылган койлор тим эле биринен - бири өтөт. Сатармандар өз малдарын апендинин кызынан катуу мактап, сатуунун амалын кылууда. Эркинбек семиз койду жакшы тандайт. Четте турган кара койдун куйругун кармап көрүп, баасын сурады эле, жапалдаш бойлуу, чокчойтуп жарашыксыз сакал койгон, динге берилген адам экенин билгизип сүннөт кийим кийген, жашы отуздан жаңы өткөн бала жакын келип:

- Байке, Нарындын кою. Абдан семиз. Баасы мынча деп койдун баасын айтты эле Эркинбек:

- Эмне Нарындын кою болсо эле кымбат айта бересиңерби? Эми малды дагы региондорго бөлө баштадыңарбы? Саясатчылар элди бөлсө, силер минтип малды бөлсөңөр, бул кандай болот? Мынча болду уруу-урууга деле бөлбөйсүңөрбү? - деди эле, нары жактан орто жаштан өтүп калган киши басып келип:

- Иним, биз малды региондорго бөлгөндөн алысбыз. Бул базарга Оштон, Таластан койлор келбейт. Келсе жолун актабай калат. Ал эми Чүйдүн малы семиз болгону менен эти супсак болот. Көпчүлүк элдер Нарындын малын алышат. Анткени ал жактын чөбү күчтүү келет дагы, малдын этинин сапаты жогорулук кылат. Базар деген базар. Ар ким өзүнүн товарын өткөрүнүн амалын кыларын түшүнүү керек. "Аларман болбосо сатармандын арманы күч болот" - деген сөздү уктуң беле? - дегенде, Эркинбек айтылган сөзгө муюп, чөнтөгүнөн акчаны алып чыгып сураган бааны бергенде, жанына бир тестиер бала жетип келип:

- Байке койду машинаңызга салып берейинби, сийгизип чычырып туруп салып берем, машинаңыз булганбайт! - деди. Эркинбек баланы жылмая карап:

- Макул, - деди эле, тиги бала койду дароо жыга салып, тумчуктуруп кирди. Тыбырчылаган кой чын эле сийип жиберди. Эркинбек баланын бул амалына ичи жылып, күлө карады да, анын эмгегин баалап, жыйырма сомду колуна карматты. Жолдо келе жатып, азыркы балдар ойнобой, акча үчүн жан үрөп калганына ичи ачышып, көңүлү кирдеп кетти.

Бул күнү мал союп, түлөөгө камынып, кийинки күнгө Медалбек карыяны аялы менен, Айымды келин-уулу кошуп бирге чакырды. Адыгей карыя эч сөзгө келбей өзү менен өзү болуп, жашоо кызыксыз болуп калгандай кабагын ачпай төшөктө жатат. Анткен менен уулунун жасаган далалатына ичи жылып, шыпты тиктеп жаткан калыбында дагы ойго алаксып кетти "Эртең Айымдар, Айикени ала келишсе кана, аттиң, ушул бойдон анын караанын бир көрбөй кете беремби? - деп ичинен дагы эзилип алды. Эх, билинбегени менен көңүл кушу, ышкы тузагына илингенде болгон санаа бир гана жүрөк эңсеген адамды самап калат белем. Карыянын болгон дити бурулган, көмүскөдө жашырынып жаткан арзуу эшиги качан ачылып, жолугушуу аземи качан ачыкка чыгып, көңүл өсөт болду экен? "Күн ак сарайга да, кепеге да бирдей тийет" - дегендей, ашыктык дагы чын ыкласынан берилген кишиге бирдей келген аруу сезим. Георг Даумер: - үч нерсе кайра кайрылбайт атылган ок, айтылган сөз, өткөн күндөр - деп айткандай, карыя үчүн ар бир секунд, мүнөт, саатты дагы санаа басып өтүп жатканын бир гана өзү билет. Бул санааны сыртка чыгарууга, чынында , карылык дарамети, ушунча жыл жыйнаган абдарыкаты эч качан жол бербейт. Эгер ушул дартка кабылбаган болсо, айылында эле жүрөт эле го. Буга дагы ооздон чыккан сын таккан сөз болгонун кантип тана алат. Бир кезде ооз кесир кылып айткан сөзүн кайра, кайрып алса кана атаганат! " Ооздон жаңылган турбайт, буттан жаңылган турат" - деп айтылгандай, адам баласы ар качандан бир качан ооздон жаңылып келгенин кантип тана алабыз.

Карылык келгенде адам баласынан уйку качып, өзгөчө түнкүсүн убакыт өтпөй калат эмеспи. Карыя ар тараптуу ойду ойлоп чалкасынын жатканда, эмнегедир терезе жактан өзүн чакырган үн угулду. Бирок ал үнгө жооп берген жок. Жүрөгү бир нерсени сезип, көзүн жумган болду. Кулак тыңшап күткөн алиги чыккан үн кайра кайталанган жок. Ал үнгө "сен кимсиң" - деп жооп бергенге карыя шашылбады. Бул үн эмне үн экенин жүрөгү менен сезип, жата берди "дагы чакырат болду бекен" - деген ойдо.

********

Айикенин сабакка келбегенинен шек алган Марсел эки досу менен сыртка чыкты да, корккон адамдай эки жакты аяр карап алды. Биринчи жолу шаарга келген элеттик баладай элеңдеп алганын, жанындагы эки досу да байкап калышты. Канчалык кайрат кылганы менен кечиндеги коркконунун залалы тийип, жолдошторуна сыр алдырып койгонун өзү да сезди. Бир жагынан алыста бирөө өзүн карап, аңдып тургандай туюлду. Адам баласы эмне болгон күндө дагы ички сезимди алдай албайт. Ар бир кыймыл, ооздон чыккан сөз, карагандагы көз караш ойлогон ойдун уңгусун билдирип коёрунда эч шек жок. Марсел канчалык өзүн эркин сезейин деген менен баары бир ага өзүнүн дити баш бербеди. Четте токтоп турган таксиге олтурган үчөө, Айике жашаган жерге келгенде, Марсел кечиндеги машинанын караанын көрүп эле, жүрөгү муздай түштү. Анан сыр бербегенге аракет кылып, эки досуна кайрылды:

- Мен таксиден түшпөй олтуруп турайын, силер тиги машинанын ичинде олтурган айдоочусун байкап келгилечи. Бетинде тырыгы бар бала болсо анда мени кечинде кыйнаган ошол, башка бирөө болсо анда мени чакыргыла деди. Фархат таң калып:

- Марсел, жүрү азыр эле барып анын жазасын колуна берип келебиз. Биз үчөөбүз, ал бирөө. Кантип ага алыбыз жетпесин. Марсел тайсалдап:

- Жок, менин ага көрүнбөй эле койгонум оң. Кечинде ага катуу сөз берип койгом, Айикеге жолобойм деп. Бул сөздү укканда экөө бир ооздон:

- Анда биз мында эмнеге келдик. Айикени андан коргойбузбу же өзүбүздүн жаныбызды сактайбызбы? Буга чейин кыйын болуп, сөзү чоң чыгып, мактанып жүргөн Марсел сөз таба албай мукактана түштү да:

- Алгач силер барып байкап келгилечи, анан калганын көрө жатабыз деп, алсыздыгын дагы көрсөттү. Экөө бул айтылган сөздү укканда баштарын чайкап, алдыга карай жөнөштү да, көрсөтүлгөн машинага жакын келишти. Бирок анын айдоочусу жок токтоп турганын билишкен соң, таксиде караанын жашырып олтурган Марселге кол булгашаты, чакырып. Кечинде өзүн бактылуу сезип, сулуунун жанында турганда ушул аймак көзүнө бир укмуш кооз көрүнсө, ушул саам эмнегедир суук көрүнүп бул аймактан тезирээк кеткиси келип кетти. Бул да болсо катуу коркуп калгандын бир элеси болучу. Алты айласы кетип машинадан түшкөн Марсел, дагы элеңдеп эки жакты карап алдастап алды. Чиркин жашоо, кандай гана окуяга кабылтпайт дагы, кандай гана ойду ойлонтпойт. Марсел эмнегедир эки досунун алдында сынып калгандай сезип, кайраттуу кадам таштап алдыга басты. Аз убакыт өтпөй тиги машинаны башка эле бир киши айдап кеткенин көрүп, көлөкөсүнөн корккон адамдай корккок экенин даана билди. Аңгыча эле үчөө үйдөн чыккан Айикенин караанын көрүп калышып, чын ыкластарынан сүйүнүп бирин-бири жагымдуу карап алышты, чоң жетишкендикке жеткенсишип. Бирок ал көчөгө көрк берип басып келе жатканы менен, өзүнөн көз албай карап турган үчөөнү көргөн деле жок. Сулуунун келе жатканы өзгөчө Марселдин жүрөгүн туйлатып, ички жарасын козгоп, жаны чыгып кетсе дагы алиги түрүү суук неме менен бир жаңсыл болууну ойлоп койду. Оюн окуп билгенсип Фархат:

- Досум, ушундай кыздын жүрөгүн багынткан кандай адамдын колунан келет? Анан суу жүрөктөнүп, кайдагы бир бандитке тарттырып ийгениң, эркектик сапатка жатпайт. Карачы , тим эле көз жоосун алат десең. Кайран гана Айикенин сулуулугу. Мектеп боюнча бул кызга ашык болбогон ким бар? Эгер Айике мени жактырып калган болсо, үйүнүн жанына кетпей кайтарат элем. Анын жаш жүрөгүнө доо кетирип коркуткан шүмшүк менен жеке сүйлөшүп, коркпой тынч жашагандай жашоо тартууламакмын. Мындай сулуу кызды кимдер гана сүйбөт дагы, кимдер гана көз артпайт. Көрөсүң, мектепти бүтсө бир чиновник экинчи аял кылып алып албаса мага кел. Билсең чиновниктер атайын сулуулар конкурсун өткөрүшөт экен да, көздөрүнө толгондой сулуу кыз тандап, анан сулуу кызды аял кылып алыш үчүн аракет кылышат тура. Байкасаң, азыр болгон чиновниктердин аялдары жаш, анан сулуу. "Кыргыз байыса катын алат, сарт байыса там салат" деген сөз бекер айтылып калган эмес. Марсел сөз өңүтүн байка, - деп унчукпай калды. Намысына тийген сөздөрдү уккан Марсел кайратына келе түштү. Илим кайра сөз уламакка Марселди карап :

- Досум коркпо, эгер сен чындап Айикенин макулдугун алсаң, анда аны тигиге тарттырып жибере койбойбуз. Тээ илгертен сулуу кыздар талашка түшүп келген, дале болсо талашка түшө берет. Аны коюп жүрүгүлө, алдын тозуп чыгып жолугушалы. Марсел кыздан көзүн албай:

- Ал бир нерсе алганы дүкөнгө бара жатат. Чыксын, үйүнө жакын калган жерден тозолу суук көздөргө чалынбай деп, аны чындап сүйөрүн билгизип, суктана караган болду.

Айткандай эле Айике дүкөнгө кирип кеткенде, кайдан жайдан пайда болду белгисиз, Разидин дүкөндүн оозунда пайда болуп, күтүп туруп калды. Аны көргөндө Марсел кара чаар жыланды көргөнсүп ичиркенип алды да, үнүн бир башкача чыгарып:

- Тигине, мени кечинде коркуткан шүмшүк. Ал азыр Айикени аңдып жүргөн турбайбы деди эле, Илим көзүн бакырайтып:

- Аны мен тааныйм. Мага да анын залалы тийген. Абакка кесилип келген, наркоман неме. Бетиндеги тырыгы бычак жегенден калган имиш. Бир ай илгери акчамды тартып алган. Жүрүгүлө азыр барып өч алабыз. Баамымыда анча деле мушташка жок неме көрүнгөн. Бетиндеги тырыгы менен эле көзгө сүрдүү көрүнгөнү болбосо, андай деле кыйын эмес.

Фархат бул сөздү укканда:

- Анда өч ала турган кез келген экен. Бирок байкайлы, Айикеге эмне деп сүйлөп, кандай мамиле кылат болду экенин билели.

Бойлорун жашырып, жакындап келген үчөөнү Разидин көргөн жок. Жүрөгүнө тынчтык бербеген сулуу качан дүкөндөн чыгарын чыдамы кете күтүп туруп, адатынча күнөөсүз жерге түкүрүнө берди. Орто бойлуу, кара тору, чачын узун алып жүргөнгө көнгөн, спорт менен машыкканга далысы кең, өзүнө ишеним артып, жалгыз жүргөндү жакшы көргөн Разидин, эч нерсе оюнда жок Айике дүкөндөн чыкканда алдын тозуп чыгып, чыканактан алып:

- Сулуу кыз, эмне окууга барбай койсом эле кутулам деп ойлодуңбу? Сени эми мен эч кайда качырбайм. Айттым беле сага "менден эч кайда качып кутула албайсың"- деди үнүн жагымсыз чыгарып. Бул сөздү укканда Айикенин коркконунан үнү чыкпай калды. Колун тартып алуу үчүн аракет кылды эле, мындан эч майнап чыккан жок. Көзү алайып, карышкырга жем болгону жаткан коёндой бүрүшө да түштү. Анан болгон күчүн жыйып, тигиге тик карап:

- Байке, мени жайыма коюңузчу. Мен сизди жакшы көрбөйм! - деди. Разидин колунан тартып:

- Жүрү мындай бас! Мага сенин жакшы көргөнүң, көрбөгөнүң кызыктырбайт. Сени мен жакшы көргөнүм кызыктырат. Оюңа койсом сен качып кутулуп кетем дейсиң го? Разидиндин айткан сөздөрүн укмак турсун, эки жакты элеңдеп карады "жардам берчү бирөө жарым барбы" - дегенсип. Ушул жерден сулуу болуп жаралып калганына дагы бир жолу өкүндү. "Кандай кылып мунун колунан кутулуп чыгам" деп катуу ойлонуп жибергенге да үлгүрдү. Ушундайда адам баласына эмне деген гана ойлор келбейт. Жөжөнү кармаган кулаалыдай Разидин эч сөзгө келбей кызды колунан жетелеп, четте турган машинасына карай баратканда, Айикенин көзүнө алгач эле жомоктогу баатырдай болуп Марсел көрүндү. Аны көргөндө болуп көрбөгөндөй сүйүндү. Ушундай кыйын учурда күтүүсүз жерден жардамга келген Марсел тим эле көзүнө аска - зоодой тирек болду го чиркин! Разидин тиги үчөөнүн жакын келип калганын деле элес ала бербеди. Качан гана жакын жерден үн чыкканда ал жакты караганга үлгүрбөй да калды.

- Эмне жаш кызды улакты бөктөргөн улакчыдай алып баратасың? - дегенде, ал жакты карай бергенде, Илим ушундай бир күч менен бет талаштыра коюп калды. Эмне болуп кетти эч ким байкоо алган жок. Тапа-тупа эле боло түштү. Разидин жерге кулап түшкөндө үчөө топ тепкилигендей эле эч нерсеге карабай тепкилеп киришти. Баарынан да Марсел кечиндеги өчүн алды белем:

" Мага бычак такаган колуң ушулбу" деп, алаканын буту менен жанчып салды. Азыр эле жаш кызга кыйын болуп жаткан Разидин эмне болуп кеткенине түшүнө албай, эс учунан танып жерде жатты. Мушташ башталганда эле Айике караанын мындан алып качып кеткен. Бир жагынан тиги зөөкүрдүн колунан бошонгонуна сүйүнсө, бир жагынан аны эч аябай тигилер сабап салганына боору ооруп кетти. Ал жерден алыстап кеткен соң, артын карап жерде жаткан анын денесин көрүп, аны аяп жиберди "баары мен үчүн болду" - деп. Бул эми кыз баланын боорукерлигинин бир изгини экенин айтпаска болбойт. Тиги үчөө жөн эле чоң иш бүтүшкөнсүп, ал жерден караандарын үзүп, кайра башка такси кармашты да, каякадыр жөнөп кетишти.

Айике үйгө өңү бопбос болуп кирип келип эле, төрдө олтурган чоң апасын кучактап ыйлап жиберди:

- Апа, мен айылга кетем - деп. Узун сөзгө кирген үйдөгүлөр бул айтылган сөзгө түшүнбөй да калышты. Мындай мушташкан окуяга туш болбогон Айике, бир кезде гана өзүнө келип:

- Апа, мен бүгүн кетем. Баягы бала мени кармап алып коркутту. Айым чочуп:

- Кайсы, ботом! -деп суроолу карады. Бул сөз менен эле баары тигилерге түшүнүктүү болду. Алгач эле Эгемберди, Айикенин жанына жакын келип:

- Айике, эмне сага бирөөлөр тийишип жатышабы? - деди эле, Айым:

- Силер керээлди күнү кечке үйгө токтобосоңор, эч нерсени билбейсиңер да. Кызым экөөбүз бүгүн кечке коркуп үйдөн чыкпай олтурганбыз. Айике сабакка да барган жок. Кыздын сулуу болгону да курусунчу. - Макул кызым, сени айылга эле алып кетебиз. Бул жактан сага тынч жашоо бербей калышты. Эгемберди сөз өңүтүнө эми гана чындап түшүнүп:

- Апа, эчак эле айтып койбойт белеңер, мен билген жокмун да. Айике сен эч кам санабай окуй бер. Эми мен өзүм сенин коопсуздугуңа көз салам. Апам айткандай "иш" - деп жүрүп эч нерсени билген эмес экенмин да. Айылга барсаң эртең бирөө ала качып кетет. Анан баары ойрон болот деп чын ыкласынан айтты. Медалбек ушул жерден билди тагдыр кайталанарын. Айике кудум чоң апасы Айымдын тагдырына туш болгонун талдап көрдү. Болбосо шаарда сулуу кыздар толуп эле жатпайбы. Аларды эмнеге балдар карабайт. Керек болсо Айикеден ашкан сулуу кыздар көчө таптап басып эле жүрүшпөйбү. Анда эмнеге эле али жашы жетиле элек кызга көз артышып, жанын жай алдырышпайт? Ушул суроого тасмал четинде олтургандар жооп таба албай бир саамга үнсүз олтуруп калышты. Медалбек чындап караганда өзү дагы Айикеге суктана түшкөн. Бирок азыр анын тагдырына күбө болуп, ичинен сызып алды. "Сулуу болбосоң коё кал, сени кантип анан балдар талашпасын" - деп. Чоң энеси Айымдын жаш кезинен артык сулуу экенин бир көрүп эле байкаган. Адыгей курдашы бекер арзуу отуна чалдыкпаганын өз көзү менен көрүп, аны ичинен аяп кетти "ал кантип ушул чыканактай болгон кызга арзуусун билдирет" - деп. Бир кезде Айике ичкери кирип кетти да, өзүнүн али эне сүтү оозунан кете электе эле талашка түшкөнүнө, өзү үчүн бирөөлөр мушташканына капа тартып, бүрүшүп жатып ойго алаксыды. Карагаттай болгон коймолжуган кара көздөрүнө шүүдүрүмдүн тамчысындай ысык жаш келе түштү. Көз алдына тепки жеп жерде жаткан Разидин тартылып, "ал эмне болду экен?" - деп ойлоп койду. Жаш жүрөк андай нерсени көтөрө албасы анык экенин жашырып болбойт. Кечке андан коркуп жатканы дароо унутта калып, эми болгон дитин анын аман болушу ээлеп алды. Ушул жашка келгени өзү күбө болгондой мушташты көрмөк турсун, кулагы менен уккан эмес. Ар тараптуу ойлорду ойлоп жатып көзү илинип кеткен экен. Бир кезде чоң апасы Айым ойготту:

- Кызым туруп сыртка чыкчы, сени күтүп калдык - деди. Таттуу уйкудан ойгонгон Айике апасынын айткан сөзүнө түшүнбөй да калды. Сыртка чыгып, милиция формасын кийген эки кишини көрүп, коркуп кетти. Оюна дароо Разидин келди да, денесин майда калтырак басып, бир орундан жылбай туруп калды.

**********

Ушул жашка келгени милициянын суроосуна жооп бермек турсун, жанына жакын жолобогон Айикенин коркконунан үнү корулдап, башка бирөөнүн үнү менен сүйлөп жаткансып, көзү алайып, көңүлү кирдеп кетти. Сулуу кыздын бул абалына түшүнгөн милициянын бири:

- Чоң кыз, сен бизден эч коркпо, биз силердин үйдө турбайбызбы. Болгону биздин берген сурообузга жооп бергендей бол, анын эч кандай кыйынчылыгы деле жок. Кана, берилген суроого жооп бересиңби деди эле Айике үн чыгарбай башын ийкеп жооп берди, милиция:

- Сен Багышов Разидинди канча убактан бери тааныйсың?

- Ал ким? - деди, Айике таң калып:

- Тиги токмок жеп, ооруканага түшкөн баланы сурап жатабыз?

- Ал баланы мен тааныбайм. Кечээтен бери мени коркутуп, мени бүгүн өзү менен уурдап алып кетмек. Анан кайдан - жайдан белгисиз бир балдар келип аны сабап кетишти. Баамымыда аларга дагы залалы тийсе керек! - деди.

- Ал балдарды сен тааныйсыңбы? - деген суроого Айике биринчи жолу калп айтып:

- Жок, кандай балдар экенин да көргөнүм жок. Тиги бандиттин колунан бошонгонума сүйүнүп эле, ал жерден караанымды алып качып кеткем. Милиция бир нерселерди кагазына түшүрүп алды да, көп эзилбей кетип калышты. Себеби, буга чейин эле Айым тигилердин берген суроолоруна жооп берип койгон болучу.

Милиция кызматкерлеринин милдети, кылмышкердин изине түшүп, колго түшүрүү. Денесинен катуу жарат алган баланы көрүү үчүн милициянын ага лейтананты Асылбек Айипов менен Керим Кариев алгач ооруканага келишти. Бирок жабырлануучу тилге келбей жатканынан, анын ким экенин аты жөнүн тактап билишкен соң, окуя болгон жерге келишип, ар кимден окуянын өңүтүн суроо салып сурап жатканда, бир орто жаштан өтүп калган киши айтып калды:

- Алгач жабырланган бала тиги үйдө жашаган жаш кызды коркутуп, колунан жетелеп бул жакка келе жаткан, анан эле үч бала пайда боло калып, тиги баланы сабап киргенде эле кыз качып үйүнө кире качты дегенде, милиция кызматкерлери көрсөтүлгөн дарек боюнча мында келишкен. Жабырланыуучунун өздүк ишин караса мурда эки жолу абакка камалып чыкканы дайын болду. Баарынан дагы бул жабырлануучу чоң кылмыш кылганы үчүн издөөдө экени дайын болгон соң, милиция кызматкерлери сабаган балдарды берилип издөөгө алышкан жок. Мунун себеби, кылмышкер жаш кызды коркутканы жана уурдоого аракет кылганы үчүн кайра дагы бир кылмыш иши козголуп, иш сотко өтүп, сабаган балдар жасаган кылмыштары үчүн күнөөлөрүн тартпай калышты. Эгемберди да инисинин кызы Айикени кордогон Разидинге ачуусу келип, чоң кызматтагы досун ортого салып, жабырланган Разидинди сабаган балдарды издетпей эле коюну сунуштаган. Бул сунуш да өз деңгээлинде таасирин тийгизип, иш оң жагына чечилип калды.

Айткандай күнөөкөр үчөө эки күн катары менен сабакка келишкен жок жана үйдөн чыкпай олтурушту. Качан гана мектеп тараптан эч кандай шектүү нерсе угушпаган соң, өздөрүнө келишти. Аңгыча эле Марсел телефон менен Айикеге байланышып, болгон иштин чет-чеберин уккандан соң гана чоң жүктөн кутулган адамдай үшкүрүнүп алып, жасаган ишине корстон болду. Анткени Айике берилүү менен " Марсел, мен сенин бул жакшылыгыңды эч качан унутпайм жана сага абдан ыраазымын. Эч коркпой сабакка келе бергиле. Эгемберди атам, тиги бала менен өзү сүйлөшмөй болду. Ал эми кайра абакка кетет имиш. Анткени ал издөөдөгү кылмышкер экен" - деген сөзүн укканда, Марсел болуп көрбөгөндөй сүйүнүп, тиги экөө менен байланышып, болгон ишти болгондой айтып берди. Жакшы кабар адам баласын кандай сүйүнтөт. Марсел ошол эле күнү эки досун кафеге чакырды. Анткени алар болбосо Айикенин алдында мынчалык кадыры өспөйт эле. Жигит үчүн кыздын алдында жоопкерчиликтүү болгону кандай жемишин берет. Жактырган кызга ушундайда көрүнүп койгондун өзү жигит үчүн эмне деген бакыт. Анткени аял заты эркектерден чоңду үмүт кылышары турулуу иш экенине турмуш өзү күбө. Марсел бул күнү төбөсү көккө жеткендей сүйүнүп, эки досуна бир чачылды белем, ага сөз жетпейт.

*************

Ар бир жасалган иштин аягы болот. Разидин эки күндөн кийин гана өзүнө келип, өткөндү эсине салды. Бул жолу дагы баскан изинен жаңылганын ойлоп, жакшылап талдап ой калчап көрдү. Мунун себеби, эми кайда качып кете алат. Айдап жүргөн машинасы дагы уурдалган машина. Машина уурдаган кылмышын эске албаганда дагы, канча үйгө ууруга кирип, издөөдө жүргөнүн кантип билбейт. Эптеп качып кетейин десе жаткан ордунан тура албай кыйналып кетти. Баарынан да колдору абдан жанчылыптыр, карууга келбей. Муну ким жасаганына ой жүгүртүп көрүп, бармагын тиштеп үшкүрүнүп алды. Баарын бир баштан эстеп олтуруп, өзүнөн кичүү жаш балдарды бекер кордогонуна дагы бир жолу өкүнгөн болду. Бирок кимдер сабаганына толук акылы жеткен жок. Марселдин колунан мындай иш келбейт эле деп да ойлоду. Анткени анын кечиндеки жоругун, коркоктугун эске алды. Бир кыз үчүн ушуну көрүп, ушул ишке кириптер болгонун акылга салып көрүп "ал кыз чынында кордук көрчү кыз эмес болучу. Балким анын сулуу турпаты жана адамдык касиети мени ушул окуяга түрткөн чыгар. Эгер бир же эки күн күтө турганымда эмне, анда баары башкача болбойт беле" - деп да ойлоду. Башын мыкчып, чаржайыт ойлорду ойлоп жатканда тааныш үндөр угулуп, кызыл шапкечендер көзүнө көрүнүп калды. Разидиндин эң жаман көргөнү кызылдар. Алардан эми эч кайда качып кутула албасын билип, жеп жиберчүүдөй болуп, жаман көзү менен экөөнү карады. Бирок алар келген учурда көзүн жумуп, "ушул окуя түшүм болуп калса экен" - деп ичинен миң кайталап тилеп жиберди. Бирок анын бул оюн четке кагып, милициянын үнү угулду:

- Жолдош Багышов, көзүңдү ач, болду эми эркелеп жатчу учуруң артта калды. Андан көрө берилген суроолорго жооп берип, бизди мындан кетиргендей бол! - деди. Разидин болгон күчүн жыйып көзүн ачты да, ишараты менен билгизди, сурооңорду бере бергиле дегенди. Тиги экөө ушуну эле күтүп тургансып:

- Сен эмнеге жаш кызды коркуттуң? - дешти, алгач эле. Разидин бул суроону күткөн эмес "сени кимдер сабады" деген суроону айтат деп күткөн. Бул берилген суроо менен эле дароо иш чатагына айланганын билип:

- Командир, алгач мени кимдер сабаганы тууралуу сурабайт белеңер, мен жабырлануучумун го? - деди, ичи күйүп. Бул сөздү күтпөгөн милиция:

- Макул, аны деле сурайлы, сени кимдер сабады? - деп, кайра суроо жаңыртты. Разидин кабагын чытып, бир саамга үнсүз жатып:

- Аны силер билишиңер керек болучу. Кылмышкердин изине түшпөй, ушул кейпим менен качып кетчүдөй мында эмнеге келдиңер? Мен эч кайда качып кете албайм.

- Сен бизге акыл үйрөтпөй эле кой. Эгер сен жаш кызды коркутуп, уурдап кетүү амалын кылбасаң, анда минтип бул жерде жатпайт элең. Кыскасы, биз эртең дагы келебиз. Врач айтты, көп сүйлөтпөгүлө деп, ойлон бала, сенин кылмышың төө көтөргүз. Айдап жүргөн машинаңдын ээси дагы сага бирди көргөзөм деп жүрөт. Бизге акыл үйрөтпөй, өзүңдүн келечегиңди ойло деп, кыска сүйлөп экөө чыгып кетти. Разидин, ушуну эле күтүп турган белем, ичинен кайрып сөгүнүп алды да, кайра абактын баландасы күтүп турганын билип, каңырыгы түтөп кетти. Бул эми кыска ойлонгон адамдын иши экенин жашырууга болбогон иш.

*********

Жибек ичинен ар нерсени ойлоп олтуруп абдан өкүндү. Башы менен кете турган кызганчаак адаты кармап, абышкасы жөнүндө кулакка жат сөздөрдү тилин кармана албай айтып жиберип, учурда айылда абышкасы жөнүндө ушак сөз абдан катуу өрчүп кеткенине ичи күйүп. өкүнүп турду. Кээ бир көркөм сөзгө бай аялдар " Адыгей шаарга кенедей кыздын артынан ээрчип кетип, ага жолуккан соң сүйүнгөнүнөн жүрөгү чыдабай, кан басымы көтөрүлүп кетип, ооруканага жатып калыптыр" деген сымал ойго келбеген сөздөрдү айтып чыгышкандарын өзү угуп алып, таң калды. "Ушудай да ушак сөздүн устасы болот экен" деп. Эми минтип абышкасынын абалына боору ооруп, жанынан жылбай өткөндү эстеп, өзүн-өзү жек көрүп кетти.

Биринчи көргөн адам Жибектин ушул турпатын көрүп эле, катуу чарчаган го деп баамдамак. Ооба, ушунча жыл бирге жашаган абышкасынын артынан өзү сөз чыгарбаган болсо, абышкасынын карыганда келген арзуусу жашыруун бойдон калат беле, ким билет. Ушул жашка келгени жалаң тилинин азабын тартып, ашыкча сөздүн айынан айылга батпай баратканын сезип келет.

Адыгей шаарга кеткенден эки күндөн кийин кошуна жашаган Аксаамай деген курдашы жолугуп калып айткан " Жибек, сен абдан жаман карыдың. Эмне абышкаңдын айыбын элге жайып жүрөсүң. Керек болсо жакшы аялдар абышкасын "жашарсын" деп жаш аял алып берген учуру болгон. Ал эми сен болсо ар кимге ар тараптуу сөз айтып, туура эмес кылгансың. Мен түшүнөм, эркектердин өздөрү карыса да жүрөктөрү карыбайт. Ашыктык деген айыкпаган дарт, карыганда адам баласына келбесин. Адыгей өзү капа тартып жүргөндө, анын абийирин жаппай кайра ачканыңа көпчүлүк нааразы. Ушул Максүттүн аялынча боло албаганыңа жол болсун. Сенин айткан сөзүң абышкаңдын жашай турган жашын кыскартпаса мага кел" деп айтканда Жибек эч сөз кайрып айта албай үйүнө келип, абышкасынын ооруканага тез жардам менен барып жатып калганын угуп, бармагын тиштеген.

Эми минтип сөзгө келбей жаткан Адыгейдин абалына боору ооруп, эмне кылып жардам беришти билбей алты айласы кетип олтурат. Кыска ойлогон ойдун жана бир тараптуу айтылган сөздүн таасири минтип жообун берип, ойго салып турган кез.

Шаарга келип абышкасы пиво иче коюп кан басымы көтөрүлүп кетип жатканын укканда, буга чейинки ойлогон ойлору тескери чыкканын аңдап, дагы өзүнүн кандай адам экенин билген. Болбосо, "жанагы жаш кыздын азабынан ооруду" деп өзүнө-өзү батпай чамынып келип, Эркинбектен болгон ишти угуп "атаңды эмне ичиресиң" деп, күнөөнү уулуна оодара койгонун да ойлоду.

Чалкасынын дем алганы алсыз болуп жаткан Адыгей карыя айылдагы өзү тууралуу болуп жаткан сөздөрдү али уга элек. Укса анда намысы козголуп, санаа басты болуп бул жалгандан ооп кетиши толук мүмкүн.

Таң атса , күн батпайт, күн батса таң атпаган күтүү менен өткөн убакыт карыянын абалын оорлотту. Эртеси түнү таңга жуук дагы баягы чакырган үн кулагына даана угулду. Бул жолу да жооп берген жок. Мурунку күндөгүдөй үн кайра кайталанып чыкпады.

Таң атып, үй бүлө толугу менен тасмал четине олтурганда Адыгей карыя үнүн жасап, кыска жөтөлүп алып, алсыз үн катты:

- Эркинбек, мени айылга алып баргыла, жашоодогу сапарым карыды өңдөнөт. Макул көрсөңөр үйгө барып эле жан берейин, сөөгүмдү мындан айылга ташытпай! - деди. Бул сөздү укканда алгач Жибек катуу чочуп:

- Абышка, кайдагы сөздү айтпачы. Сенин азыр жашай турган кезиң "эмне" деп эле жатасың? - деген болду. Эркинбек сөздү бөлүп:

- Ата, бүгүн үйгө киши чакырып койбодукпу. Кечээ мал алып келип союп, түлөө кылалы дебедик беле. Анан баарын таштап салып, кетип калабызбы?

- Балам, мен өз оюмду айттым. Бирок сеники да туура. Макул, анда түлөө өтсүн, анан жеткизип кой. Менин дартымды жан адамга бербесин. Түндө жатып катуу жөтөлсөм, ичим эңшерилип аз жерден калдым. Жазында чөп жаңы жарылгандагы бээ сүтү оозума келип, саамал кымыз ичким келди. Чоң атаң дагы көзү өтөөрдө кымыз ичкиси келип калды эле. Калган сөздү өзүң түшүнгөн чыгарсың. Минтип айтканынын себеби, алиги таңга жуук чакырган үн, үчүнчү жолу чакырса, жооп берип жиберемби деп корктум. Эгер жооп берип жиберсем анда, жашоо оюну аягына чыкканы ошол эмеспи. Эркинбек кабагын чытып:

- Ата, сиз андайга ишенбеңиз да, сиз көп жашайсыз. Сөз ушуну менен уланган жок.

Бул күнү кечинде чакырылган коноктордун алды болуп алгач Медалбек кемпири менен келди. Калыңдап төшөк салдырып, төрдө жаткан Адыгей карыя келген кишилер менен ачылып ачык маанай менен учурашкан жок. Жаны жер тарып, жалгыздыкты каалап тургангабы, кабагы салыңкы эле. Жибек жан алы калбай, берилүү менен: - Жогору өткүлө, төргө - деген болду. Медалбек жакшы кабар айтчудай билгизбей көзүн ымдап, белги берди эле, Адыгейдин бир нерседен үмүт оту жанып, саамга кабагы ачылгансып, тилге келди:

- Курдаш, кандайсыңар? - деп, Зымыратка карады. Бой мүчөсү карылыкка бой таштап калганы менен кымбат баадагы кийген көйнөгү денесине жарашып, илгерки министирлердин аялдарындай сымбат күткөнсүп, сыпаа сүйлөгөн болду:

- Биз жакшы жатабыз, сен өзүң эмне мынча карылыкка шашып, төшөк тартып жатып калдың? - деди. Бул сөздүн артында эмне деген сөз жатканын ички тую сезими менен билип, башка сөз сүйлөгөн жок. Кыска гана:

- Абал анча эмес! - деген болду. Медалбек дагы көзү менен белги берди "унчукпа" - дегенсип. Бир чыныдан чай алдыга келгенде Жибек:

- Медалбек, жаш кезиңерден бирге өстүңөр, курдашыңа айтсаң боло, чечилип эч сөз айтпайт. Минтип карааны менен коркутуп жатат, төшөк тартып жатып алып. Биздин сөз досуңа жетпеген соң, сенин айткан сөзүң жетээр. Ушул сөздүн айтылышы менен гана Медалбек эми гана сөзгө кошулду:

- Адам баласы эмес, эскиргенде темир деле дат басып, керекке жарабай калат тура. Минтип жашыбыз пайгамбар жашынан эбак ооду. Дене карыганда илдетке туруштук бере албай калат экенбиз да көрсө.

Канча жыл жашасак да биз эле эмес, болгон жан жаныбарлар жаңыланып, карысынын ордун жашы ээлеп, жашоо сапары улана берет белем. Кечээки биз жаш кездеги караандарын калдайткан карылардын бири жок. Эми биз дагы жаштарга орун бошотуп берүүгө каралык белги берип жатпайбы, минтип оорутуп. Сөз ушуну менен уланып, чай кайнам убакыт өткөндө, оңдой берди болуп тасмал четиндегилер сыртка чыгып кетишти. Медалбек ушул учурдан пайдаланып:

- Адыгей, өзүңө сак болуп сыр алдырба. Азыр Айым небереси Айике менен келет. Сенин бул абалыңды угуп алып кыз өзү "мен да барам" - деп өтүнүптүр. Демек анын да сага болгон оюу дурус болуш керек болбосо, ал кыз мында келүүгө анчалык ашыкпайт эле. Бул сөздү укканда Адыгей ичинен сүйүнүп алды. Дароо таттуу кыялга батып, арзуусунун ээсин баштагыдан миң эсе көргүсү келип кетти. Медалбек, курдашынын жаңы ойлоп баштаган оюн бузуп:

- Аны көргөндө өзүңдү жоготуп сала көрбө. Ансыз деле ар кандай кептин арааны жүрүп жатыптыр. Калганын сага кийин айтам. Макул көрсөң ички үйгө эле кирип жата турсаңчы? - деди. Бул сунушту туура көргөн Адыгей, Айикени көрсөм башкаларга байкатып коюм деп, өйдө жылып жаздыгына башын жөлөп:

- Медалбек, мен сага ыраазымын. Эртең эрте келип кеткендей бол, сага айта турган сөзүм бар. Мынча болду жок дегенде сен угуп кал.

Көзү ичкери кирип, өңү кер сары тартып, үнү каргылданып чыккан курдашынын абалына Медалбек чындап кейип кетти. Аттиң, ушул көз караш эле айтып турду, бир нерсенин дарегин. Медалбек башын ийкеп:

- Мен Жибекке айтайын, ички үйгө төшөк салып бер деп. Сен ушул кейпиң менен эл менен бирге олтура албайсың. Бекер гана болду, баягы пивону ичпей койгонубузда болмок экен.

- Андан деле болгон жок, күнөө өзүмдө, мени азапка салган нерсе ал эмес, ашыкча санаа тарткандык эле деп билем. Макул мен көп сүйлөп койдум окшойт деп, көзүн алсыз ирмеди. Оюна дароо көз жоозун алган сулуу кыз Айике келди. Аны көрүү үчүн өзүн даярдап, күчүн топтоп жатканын Медалбек түшүнүп, сыртка чыгуу үчүн олтурган ордунан турганы жаткан кезде сырттан Жибек кирип калды. Медалбек кайра ордуна олтуруп:

- Жибек, Адыгейди ички үйгө жаткызчы, биз менен бирге олтура албайт го, кыйналып кетти. Илдет адам эмне болгон күндө дагы тынчтыкты каалап калат эмеспи.

Бул айтылган сөз менен Жибек бир сырды байкады. Абышкасы ичине сактаган сырын курдашына айткандай өңдөндү. Элпек кыймылдап, үн салды:

- Алина, бери келчи, атаңдын ички үйдөгү төшөгүн оңдо, жатып эс алсын! - деген болду. Келини дароо макул болуп, ичке кирип тез эле чыкты да:

- Апа, даяр болду - деди. Адыгей араң дегенде жаткан ордунан туруп, илкий басып ичкери кирди. Баягы көзгө тааныш, кечке жатып көзү талыганча караган бөлмөнүн ички көрүнүшү. Калың салынган төшөккө жатып, кыңкыстаган болду, бүткөн бою ооруган адамдай. Эркинбек атасынын бул абалын көрүп, ойлоп койду "бирөөнү арзып калса, денеси оорумак беле" - деп. Ашыктык отуна кабылган болсо, анда анын ден-соолукка кандай тийешеси бар. Басып жүрө бермек да, акылы менен ойлонуп - деп ойлоп, атасына элден уккан ушакты жакын жууткусу келбеди.

Ал эми атасы Адыгей ичинен миң миртебе тилеп, улам уурдана сырт жакты карап, арзуусун чыдамы кете күтүп жатты. Баам салбаганыбыз менен күтүүдөн өткөн азап жок белем. Адам баласынын бир нерседен үмүтү өчкөндө, жашоодогу сапары да аягына чыгат. Ар бир кишинин үмүтү, үмүт менен жашаганы билинбегени менен жашоо багытында орду чоң. Ар тараптуу ойлорду ойлоп жатып, минтип элден четтеп, жалгыз жатканына карыянын ичи ачышып кетти. Сырткы үйдө бака-шака үндөр чыгып, Адыгейдин оюн алагды кылды. Бир кезде бирөөлөр келдиби, айтор кобур үндөр көбөйө түштү. Денеси талып, көзү илинип бараткан карыя аз убакыт өтпөй өзүн көздөй басып келе жаткан Айымды көргөндө, көзү умачтай ачылды. Канча болду аны көрө элегине. Анткен менен ал дагы карылыкка кадам таштап калганын дароо байкап, анын элесинен улам билди, өзүнүн эми даана карыганын. Эч ойлогон эмес эле, аны ушундай абалда көрөм деп. Айым эңкейип, колун сунуп учурашып жатып, көзүнө жаш алып жиберди да:

- Адыгей, сага эмне болду? Эми сен эле ал жакка жетишпей тургансып, эртелеп эле төшөк тартып жатып калдыңбы? Арабыз ушунтип эле суюла береби? - деди, муңканып. Бул айтылган сөздүн артында эмне деген гана сөз жатат. Айымдын жан тартып сүйлөгөн кебин угуп эреркеп кеткен Адыгей, көзүнө келген ысык жашты арык колу менен сүртүп:

- Айым, эч ойлогон эмес элем, карылык ушундай бат келээрин. Жакшы жүр, мени эсиңден чыгара көрбө, Кыдыкка көз сал! - деди, узак сапарга кетип бара жаткансып. Аңгыча эле Эгемберди келип учурашты: - Аяш ата кандайсыз? - деп. Адыгей кара күчкө жылуу кабыл алып:

- Мен го жакшымын, өзүңөр кандайсыңар? - деген болду. Андан соң Эгембердинин аялы сыпаа учурашты эле, ага башын ийкеп жооп берген болду. Учарышкандар сыртка чыкканда, аягы болуп көптөн күткөн, санаа менен түбү жок ойго салган, жүрөгүн ээлеп алып, түк оюнан, уктаса түшүнөн кетпеген, келечексиз арзуу тартуулаган Айике караңгыда айланага жарык берген чагылгандын жарыгындай болуп жарк эткисе көзгө кубат берип көрүндү. Аны менен кантип учурашат дегенсип көз албай карап турган Жибектин көзү экөөнөн өтүп кетти. Айике жакын келип:

- Адыгей ата, кандайсыз, жакшы болуп калдыңызбы? - деди, наристенин үнүндөй таза жана тунук үнү менен. Карыя анын аппак болгон колунан кармап, бетинен сүйүп:

- Жакшымын, кызым, сен өзүң кандай окуп жатасың?

- Жакшы, баары ойдогудай!

- Сени көргөндө балалык кезим эске келип кетпедиби. Айымдын эле бир кездеги элесисиң. Айылдан сени көрүп, өткөндү эстеп турчу элем. Бар эми, бара гой, эл менен бирге чай ич - деген болду. Айике сыртка чыгып кеткенде, Жибек экөөнүн ортосунда эч кандай ооз толо айткандай нерсе жок экенине көзү жетип, ичинен абдан өкүндү. Анан эмне кылат. Шекшиген кызды көргөн менен абышкасы дале эч нерсе болбогондой баягы эле калыбында жатты.

Адыгей билди, кемпири аңдып турганын. Ошол себептен Айике менен абдан муздак учурашканга аракет кылганын Жибек байкабады. Бирок канча азапка салган арзуусунун ээси Айикенин "Адыгей ата" - деген бир ооз сөзү дагы болгон үмүтүнө суу сээп, жалындаган ашыктык отун өчүрүп кетти. Ушул бир ооз сөз менен келечексиз арзууга кабылганын дагы бир жолу моюнга алып өкүнүп, өксүп турду. Ооруну бетке кармап, жалгыз бир бөлмөдө жатканы менен оюу туман болуп, ушуга чейин тарткан азабы эч нерсеге татыбай калганына арданып, ичи күйүп ачышты. Эмне болгондо да бул жалган жашоодо баары убакытылуу гана нерсе экенине көзү жетип, чыйрала түштү. "Эмне" деген гана азаптарды тартпады жана эмнени гана кылган жок, карыганда келген арзуусу үчүн. Бирок баарын бир гана айтылган сөздүн күчү чечип койгонуна ичи ачышып, көңүлү кирдей түштү. Жок эле дегенде Айике бир жагымдуу сөз айтып, болбосо көз карашы менен эле билгизип койгондо, жакшы нерсенин дарегин, анда баары башкача болбойт беле. Жаш, жаштыгын кылды "ашыктык" деген аруу нерсеге кабылып көрбөгөнүн билгизип койду. Адыгей анын бул кылыгана да туура баа берип, бекер гана азап тарканын моюнга алып, калыс ойго кабылып, өзү менен өзү болуп жатканда Жибек бир чыны сорпо алып келип:

- Абышка жаш сорподон ичесиңби? - дегенде, башын ийкеп, анын чын ниетинен жасаган мамилесине ичи жылып:

- Жибек, мен сага ыраазымын, бери жакын келчи? - деди. Жибек жакын келгенде арык колун мойнуна артып, өзүнө тартып, бетинен сүйүп:

- Жибек, сен баардык аялдардын сулуусусуң! - деди эле, бул жолу Жибек башын тартып алып, олдоксон абышкасынын бул кылыгына чычалап:

- Абышка, эмне жаш бала болуп кеттиңби, эл көрсө эмне дейт? Бул сөзүңдү эч ким укпасын! - деген болду. Адыгей колун шилтеп:

- Мага кийин түшүнөсүң! - деп, жаш сорподон ууртаган болду.

Айткандай бул жалганда эмне болгон күндө дагы биринчи никедеги аялга эч бир аял заты жетпесин, Адыгей карыя өзү башынан өткөрүп, эмне кылып ыраазы кылышты билбей, кемпирин бетинен сүйдү.

Көрсө "арзуу" деген неме адам баласына келип-кете турган гана алдамчы сезим экенин биле жүргөнүбүз оң. Дегенибиз, канчалаган эркектер коштоп аял алып, төшөк жаңырткандары менен, азапка салган арзуунун алдамчылыгына кеч түшүнүшүп, биринчи алган аялдарынын жана андан төрөлгөн балдарынын алдында баа-баркы түшүп, аягында баягы эле биринчи никедеги аялы, окуянын каарманы Жибектей болуп күйүп, кыйналган кезинде жанында болуп жатканы эле, жашоодогу чоң философияны ичине камтып турбайбы. Ошол себептен бир келген жашоодо тең- теңи менен, тезек кабы менен болгону артык экенин эске түйүп койгон оң.

"Биринчи нике улуу Алладан" деп бекер айтылган эмес. Бул жашоонун оюнунда ооздон чыккан сөздүн күчү көп нерсеге тоскоолун тийгизээрине турмуш өзү күбө. Башта айтылгандай Адыгей карыяга ашыктык сезим карыганда келип, жанын кыйнаганга бир кезде сын тагып айткан сөзү себеп болуп, акыры ал дартка өзү кабылды.

Айткандай кийинки түнү таң эрте атайын көзүн ачып, баягы белгисиз үндүн чыгышын карыя дагы күттү. Бирок бул жолу ал чакырган үн чыккан жок. Мунун себеби, канча күндөн бери арзуусун ойлоп жатып, бул түнү ал жөнүндө эч нерсе ойлобой, тынч жатканы себеп болдубу, эки жолу чакырган үн башка кайталанбай, али табышмак бойдон калды.

Урматтуу окурмандар, сиздерди терең урматтайм. Акча кубалаган ушул заманда, китеп окулбай, окурмандардын саны азайып бара жатканы албетте өкүнүчтүү. Улуу Жараткан китепти сүйүп окугандардын тапкандарына береке, иштерине ийгилик берсин. Дайыма китеп менен бирге болушуңарды тилеп, автор

Автор: Бердикожо Бийназаров Таштанбекович.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз