Бекмырза РАХМАН уулу


"Министрдин кызынын махабаты"


I бөлүм

Онунчу классты бүтүргөн соң, аттестатты чөнтөккө салдым да, көптөн көп көрсөм деп эңсеген Бишкекти көздөй сапар алдым...

- Жоробек, Жора ким? - деп чебелектеп, модалуу көз айнек тагынган, мини юбка кийген шумдуктуудай сулуу кыз автобекетке токтогон автобустун эшигинде турду. "Тосуп алабыз, коркпой келе берсин" - деп апамды ынандырган бир тууган таежемдин тоолуу Нарынды көргүсү келбеген эрке кызы Мадина ушул экенин байкадым. Таежездем - министр. Аты - Эмил. Мени тандаган окуума жөн эле өткөрүп коймок...

- Мен...

- Түш, кеттик!

Эрке кыз мага тигиле да, таңдана да, сынай да караган жок. Кара, шиш такалуу туфлисин тарсылдата астыма түшүп, ылдам кетип баратты.

Апам байкуш жесирлигине карабай "куру кол барганың уят" деп, курут, бир карын май салып берген. Азык-түлүк, кийим-кечелерим салынган ошол асынма сумка, окуу китептери шыкалган эски, кара дипломат салмагын салып, ылдам басышыма жолтоо болуп жатты. Жайкы аптаптуу күндүн ысыгынан улам денемден тер куюлат.

- Бол, кыбырабай.

Бизди кочкул күрөң түстөгү иномарка жол жээгинде күтүп туруптур. Рульдагы мени менен теңчамалаш аппак жүздүү, кырдач мурун сулуу жигит кабинадан элпек чыга калды да, машинасынын багажын ачты. Мадина:

- Сал жүктөрүңдү, - деди буюра сүйлөп.

Бак-дарактуу, көп кабат үйлөрү көп шаар ой-санаамды бийлеп алды. Жол бойлорундагы кооз дүкөндөр, катар тизилген түркүн түстөгү комоктор, базарлар, кымгууттанган ар түрдүү машиналар көздү азгырып, аларга кызыга карап бараттым. Мына, мен эңсеген, ак эткенден так эткен шаар! Жарашыктуу кийинишкен, келишимдүү бой-келбетине азгырган шаардыктарды көрүп, абдан суктандым. Буюрса, мен да шаардык болом!

Алдыңкы орундукта отурган Мадина сигарет тутандырды. Кызгылт күрөң лак менен боөлгон узун тырмактуу манжаларына кыстарылган тамекиге чочулай көз жүгүрттүм. Тоодо кыздар тургай аялдардын тамеки тартканын көргөн эмес элем... "Таежем кандай турат? Жолдо кыйналган жоксуңбу?" - деп сурайт го деген үмүтүм ташкапты. Шаардык кызды апасынын туугандарынын жашоо-тиричилиги, аман-эсендиги, дегеле тоо тарапта да жашоо бар экендиги кыпындай да кызыктырбагандай көрүндү.

Зыпылдап учкан иномарка беш кабат үйдүн алдына келип токтоду.

- Тиги подьездден кирип, 3-кабатка көтөрүл, 12-квартира. Апам күтүп жатат, түш. Эрик, багажды ачып бер! - деди Мадина "бычокту" машиненин күлтүшүргүчүнө салып жатып...

Мончого түшкөн таздай тердегенимди көргөн таежем чочуп кетти:

- Ап-пей, Жоробексиңби? Мадина кана?

- Бир жактарга кетти окшойт.

- Кайда барарын айтпадыбы?

- Жок, айтпады.

- А өлүк-тиригиңди көрөйүн, жанагыл шыпааналарына дагы кетти окшойт! Кир, кирегой ичкери! Эжем кандай жүрөт? Ден-соолугу жакшыбы?..

...Тири укмуштуу жасалгаланган беш-алты бөлмөлүү үйдүн ичин көрүп, оозум ачылып калды. Бары-жоктун бардыгы турат. Бардыгы орду-ордунда, таза, жаңы. Таежем мага даярдаган бөлмөсүн, андан соң ашкананы, ажааткананы көрсөттү да, бир аз эс алган соң, чайга келишимди өтүндү.

ххх

...Министр таежезде өтө кеч келди. Эки-үч солидный кишилер узатып алган. Абдан кызуу. Тигил жандоочулары жолуна түшөрү менен таежем мени жетелеп кирди.

- Эжемдин баласы Жоробек келди, сага учурашам деп турат.

- Жоробек?! Аа, чо-оң жигит болгон турбайсыңбы! Аз-замат! Келчи бери?

Мени билектен апчый кармап, өзү отурган жумшак, кооз диванды карай тартты. Күтүлбөгөн булкуудан улам ал кишинин чоң курсагын таяна отуруп калдым. Бетимден калың эриндери менен балжырата-балжырата өптү.

- Сатыкем алтын киши болчу! Азамат киши эле, ээ, Алма? Ошол кишинин чоң жардамы менен киши болгомун. Болбосо бир гөржаман болот элем! Сенин атаң менен апаң эт, май, курут ташып жүрүп Алма экөөбүздү окуткан, туурабы, Алмаханум? Мен эми сени окутам. Алтын киши, алтын киши, кайран гана алтын бажам! Сени юрфакка өткөрөм. Уулум болуп жүрөсүң! Менин доорумда дуулдап жашайсың! Бир-рөө-ө мышыгыңды "пыш" дебейт, уктуңбу? Бир-рөө-ө!.. А менин уулум жок. Мына бул таежең, энеңди урайын, "уул төрөйм, ана төрөйм, мына төрөйм" - деп жүрүп тажатты. Быйыл у-уул төрөп бербесе, токол алам! Жамишти алам!..

Жамиши ким экенин түшүнбөдүм. Таежем гана:

- Ачууланганда көтөрүлүп кетет, көңүл бурба, мас боло баштаган тура. Эмике, Эмике, жүрү эс алчы! - деп таежездеме үйрүлө калды. Мен жылып чыгып кеттим.

ххх

Шаарга келгениме бир жума болуп, көз көнүшүп, көңүл тынчтанып калды. Күндө түстүү телевизор аркылуу видиктен ар түрдүү детективдерди, боевиктерди көрүп жыргайм. Үйгө жакын жерде орто мектептин имараты жайгашыптыр. Эртең менен спорттук аянтчасына барып машыгам. Келип душка түшөм. Кыскасы, жыргал замандын бир четин көргөнсүгөнүм менен бирге тамактанып, бир үйдө жашасак да таежемдин кызы менен мамилем жылыбай койду...

Бир күнү:

- Жора, бас бери, - деди чукчуңдап. Кооптоно жанына басып бардым. Он, он беш мүнөт мурда үйгө түндө адаттагысындай кеч келгендиги үчүн таежем катуу жемелеген болучу. Ошол үтүрөйгөн калыбынан жазбай туруп:

- Бул эмне? - деди.

Жуунгандан кийинки көбүктүү самын суу ваннанын капортосунан болуп, көлкүлдөп туруптур. Карабасып, агызып жиберем деп жатып, эсимден чыгыптыр.

- Унутуп калыптырмын, азыр...

Ал мени жаман көзү менен жактырбай карап турду да, мурдун чүйүргөн бойдон басып кетти...

Диванда окуу китептерин чачып алып, даярданып жатсам, бөлмөмө таежем кирди.

- Жоробек, алтыным, Мадина Улуттук китепканага барчуумун деп жатат. Сен кошо барчы. Чогуу даярдангыла. Башка жактарга дейди басып кетип, кечээгиндей кеч келип жатат.

- Барайын, таеже.

Эрке кыз бир топ кармалып жатып, бөлмөсүнөн араң чыкты. Чыкты да мени табы сүйө бербей карап турду.

- Жайкы жынсың жокпу?

- Жок...

- Жеңи чолок көйнөгүң барбы?

- Ж-жок эле.

- Ушул айылдык кебетең менен китепканага барасыңбы?

Эң жаңы, жакшы деп эсептеген эки көйнөгүмдүн бирин кийген элем. Эмне кыларымды билбей мукактанып туруп бердим.

- Мама, Жора менен барбайм!

- Дагы эмне болуп кетти? - деп таежем ашканадан чыкты.

- Современный кийинбейби, карачы кебетесин?

- Көп жинге тийбе! "Бөйрөктөн шыйрак" чыгарганыңды токтот! Чыкыйып, сопсонун болуп турбайбы! Жөнө, жөнөгүлө!

Министрдин эрке кызы канткен менен эпке көндү.

Экөөбүз бийик карт дарактуу көчө менен китепкананы карай бараттык. Бишкек бак-дарактуу, күнөстүү, кооз шаар экен... Мадинанын жанагыл орой мамилеси гана көңүлдү оорутканы болбосо... Ал мени тоготмоксонго салып, эки-үч кадам алдыда... Мунусу кайра мага майдай жагып, өзүмдү эркин сезип бараттым...

Куйругун араң жапкан мини юбкасы, узун, түз буттары, далысына түшкөн тармал чачтары өзүнө абдан жарашат экен. Кайкалай, ишенимдүү басышы канткен менен мени суктандырды. Кызыктыра басканды үйрөнүп алыптыр.

Ал чочугандай шарт токтоду да, мага бурулду:

- Акчаң барбы?

Апам: "Алмага бекем каттырып коюп, четинен үнөмдөп пайдалан" - деп берген 3000 сомду таежеме берип, 100 сомун алып калдым эле.

- Балмуздак жейсиңби?

- Жок, таксиге жетсе болот.

- Такси канча алат?

- 30 же 40 сом.

- 100 сомум бар.

- Давай, Эриктикине барабыз. Классташтар бүгүн анын үйүндө чогулмакпыз. Бийлейбиз, көңүл ачып отурабыз?

- Таежем урушат. Экзамендерге да даярданышыбыз керек...

- Таежең дүрбү салып, карап отурат дейсиңби? Кеттик...

Ал менин жообумду күтүп отурбай, чоң жолго жүгүрүп чыгып, такси тосо баштады.

- Папам экзаменсиз эле өткөрүп коөт. Такси, такси!..

Көп өтпөй каалгасы лакталган рейкалар менен кооздолгон эшиктин коңгуроосун басып турдук. Эмнегедир кооз эшиктин ачылышы тозок болду. Шарак-турак болуп жатты. Катары менен төрт-беш каалга ачылып жаткандай сезилгени менен, болгону экөө гана экен. Ичкеркиси - брондолгон. Чамасы кулпунун бири бузук сыяктанат. Мадинанын айтканына караганда үйдү ата-энеси Эрикке туулган күнү үчүн белек кылыптыр...

Чачтары үрпөйгөн Эрик көрүнүп, мени сүйө бербей карады. Мадина экөө ооздорунан эки ирет өбүшкөн соң, аны өткөрүп жиберген ал саламдашыш үчүн сунган колумду жоопсуз калтырып, алдымды тороду:

- Сен кайда?

- Мадина менен келдим.

- Келсең, анда ал чыккыча сыртта күтүп тур.

Ал эшикти жапмакчы болду эле, нары жактан Мадина үн салды:

- Эй, киргиз, киргиз аны.

- Болбойт.

- Мамам кошуп берди.

Ошондо гана мисирейген суук көздүү, текебер шаардык жигит, ооздон кийин боло берди.

Жасалгасы Эмил таежездемкинен кем калбаган үч бөлмөлүү үйгө кирдим.

Жумшак, кайыш дивандарда мен курактуу жети-сегиз балдар-кыздар отурушуптур. Бардыгынын колдорунда тамеки. Батыш өлкөлөрүнүн жаштарына окшоп кийинишкен. Тикие караган шаардыктардан өзүмдүн жупуну кийимим менен сүрдөп тургансыдым. Салам айтсам эптеп алик алымыш болушту. Ортодогу жапыз чоң столдо кыя кесилген колбасанын түрү, ар кандай консервалар, банкалар батпайт. Светомузыкалуу магнитофондо чоочун тилдеги обон акырын сыбызгыйт. Мени чоочунсунта тоготпой кабыл алган бул компаниянын ичинде көзүмө ысык көрүнгөнү күрөң түстөгү жапжаңы гитара болду...

Шаардын ысыгына көнбөй көл-шал тердеп, утур-утур бетаарчы менен сүртүнгөн мени капарларына да алышпай, өз ара аркы-берки сөздөрдү сүйлөшүп отурушту. Кимдин эмне жеп, эмне коюп жатканы менен эч кимдин иши да болбоду. "Портвейн" деген жаңы чыккан винону мактап, ошодон татып коюп отурушту. Менин тоонун шар суусунан башканы ичип көрбөгөн айылдык классташтарым чекмек турсун эмдигиче ичимдиктин даамын татып көрүшө элек.

Ичпей отурганымды Зина деген сулуу кыз байкап калды көрүнөт:

- Сен эмнеге ичпей отурасың? - деп сурап калды.

Кайсы бир математик "чукча" деген кличкалуу эжекенин жоруктарын жыргап айтып отурган классташтардын уу-дуусу тып басылды.

- Ичип көргөн эмесмин...

Отургандар бири-бирин таңкалыштуу карап коюшту. Эмнегедир "ич" деп кысташкан жок. Мага мунусу жакты.

- Жораны жайына койгула, андан көрө, Тампо, бир ырдап койчу! - деди Мадина күтүүсүз сунуш киргизип. Эриктин колтугуна ыктай отурган анын бактысы тоодой эле. Мен дагы анын сунушун ичимден колдодум, анткени, качан ырга көңүл бурушар экен деп отургамын.

Тампо тамекисинин калганын маалката соруп, бир мүнөтчө отурду да, жакын турган гитарага кол созду. Ийнине боосун асынмагы тозок болду. Эмнегедир бары жайында турса дагы, ийнин күйшөгүлөп, кайра-кайра оңдонуп, мени бушайманга салды. Ошентип жатып, маалкаткан Тампо чала күүлөнгөн гитараны ургулап, мага тааныш эмес орусча бир ырды мыңкылдап ырдап кирди... Сөзүн так айтпай ушинтип ырдагандарды Сагын аке: "Мыңкылдабай сөздөрүн так, даана айтып ырдабайсыңбы!" - деп зекип калчу. Сагын аке демекчи... Сагын аке атамдын бир тууган агасынын эң улуу баласы. Аскер-Деңиз флотунда үч жыл кызмат өтөп келген соң, областтык спорт комитетинде каратэ боюнча тренер болуп иштеп туруп, анан биздин мектепке дене-тарбия мугалими болуп келди. Эмгекчил, чарчоо дегенди билбеген өжөр, өтө универсалдуу жигит. Сагын акедей болобуз деп эмнелерди гана жасабадык. Спортту, музыканы, мергенчиликти жанындай көрөт. Айылдык төрт жигитке, айрыкча мага гитара ойногонду, каратэни, аңчылыкты үйрөтүп, төрт-беш жыл тер төктү...

Тампо акыры мыңкылдаган жагымсыз ырын эптеп бүтүрдү. Чындап жактыбы же калп болсо да көңүлүн көтөрүп коөлу дештиби, айтор:

- Азамат! - дешип жапырт бир ооздон мактап калышты.

Мадина ордунан тура калып, бешенесинен өптү. Тынчтыкты Зина бузду.

- Жора, айылда силер да ырдачу белеңер?

- Албетте.

- Анда ырдап бербейсиңби бизге? Бирибиз да кыргызча ырдай албайбыз.

Мен гитарага кол создум. Тампо берер бермексен болуп, мыскылдуу карап турду.

- Бер...

- Бер, берчи...

Гитараны эң биринчи жакшылап күүлөп алдым да, Болот Токтобаевдин "Коштошуу" деген ырын баштадым. Алгач үнүм бир аз кысылып барып, анан кайра ачылып кетти...

Бизди кошчу жолдор алыс

Ал жолдордой айрылабыз.

Өмүрдө жок колдон алып

Ал күндөрдү кайрып алыш.

Шаардыктар кызыгуу менен карап турушту. Эргип ырдап жатып мага суктанган, таңданган, эриген көз караштарды учураттым. Айылдыктар Бельгиянын сырын, япондуктардын кара икрасын жебегени менен көп нерсеге шыктуу келерин мыкчыгерлердин көпкөн балдар-кыздарына туюндуруп койгум келип, өтө берилүү менен үн созуп жаттым. Ыр жагып турду окшойт, пейилдери, жүрүш-турушу орус болгону менен дили, түпкүлүгү кыргыз шаардыктар ийип, ынтаа коө угуп турушту. Өкүнүчтүү сүйүү, качандыр бир көңүлдө калган элестер, кайрылып бир бирикпеген айрылыш жолдор сыяктуу тагдыр барын ойго батырды да, түнкү токойдой тунжуратты... Обонду жеткире ырдай алдым көрүнөт, ыр бүткөн соң бир канча секунд аралык кыймылдабай каткан бойдон турушту да, шатырата кол чаап жиберишти...

Жүдөгөн, салаа-салаа тер куюлуп сүрдөгөн, өзүн камсоо сезген айылдык тартынчаак жигитти сүйө карап турушту.

- Чудо?!.. Келчи, мен сени келиштире бир өөп коөюн!

Жымжырттыкты ордунан "селтең" этип тура калган Зина бузду. Ал вино буркураган назик, ысык эриндери менен өөп-өөп алды. Өмүрүмдө мындай компанияда отуруп, өптүрмөк турсун өөп көрбөгөн жаным, сүрдөп, андан бетер терге чыланып жатып калдым...

- Дагы, - дешти кыздар. Эрик, Тампо баш болгон эркектер унчуккан жок. Чамада кыздардын баарынын мага ыкыс берип, менин алардын заматта көңүл буруусуна арзышым жакпай калды көрүнөт...

Көпкө чейин ырдашка туура келди... Зина эмнегедир жанымда отурган бойдон кетпей койду.

Ырдан соң, бийледик, андан соң видиктен "Таңкалыштуу Азия" деген документалдуу фильм көрдүк. Кыскасы, көңүлдүү кече аяктап, кете турган да мезгил келип жетти.

- Мадина, жүргүн?

Ал кызуу болуучу, дивандын кырына жөлөгөн башын буруп, мени көңүлсүз бир карап койду да, үндөбөй көзүн жумду.

- Кечигип калдык, тур, таежем тилдеп жүрбөсүн?

- Кете бер. Мен кийин барам...

Балдар-кыздар күзгүлөрдү короолоп, чач-пачтарын таранып, оңдонуп-түзөнүп жаткан.

- Үч күндөн соң - меникине! Жора, сен сөзсүз келгин. Келбесең милиция менен издетем! - деди Зина астейдил.

- Барам.

Бардыгы кетишти. Үчөөбүз гана калдык.

- Сен кете бер...

- Мадинасыз карыш да жылбайм.

- Мен машина менен жеткирип коөм.

- Сен массың, рулда отурууга болбойт.

- Сен эмнени билет экенсиң?

- Өзүмө жараша... Мадина жүргүн? Таежем күтүп калды.

- Эй, сөздү уккун да, жолуңа түшкүн. Биздин ишибизге аралашпа!

Башка кыздарга салыштырмалуу анын эмнеге көп ичкенин, акыры эмне үчүн тез мас болгонун түшүнгөн жокмун. Мен ага эңкейип, эки колунан тартып тургузмак болгондо Эрик түртүп жиберди.

- Жоголгун.

- Жоголбойм.

- Былжырабай жолуңа түш! Буга чейин деле калып жүргөн!

- Бүгүн калбайт!

Эрик мени эки каруумдан кармап, түртүп чыгаргысы келди, бирок айылдын кара жумушуна бышып, Сагын акенин катаал тренировкасынан өткөн мени кыймылдата да албады. Аппак жүздүү, модалуу прическалуу, моюнуна алтын чынжырча салынган бул жигит алсыз, күчсүз колдору, борпоң дене түзүлүшү менен заматта көзүмө бечера, байкуш көрүнүп кетти. Ал дагы менде кандай гана уюган күч жатканын сезди окшойт, тайсалдап калды...

Таежемдин чыйпылыктап, кызынын баскан-турганына чейин кирише бергенинин төркүнүн эми түшүндүм. Көрсө, жалгыз кызы үйгө келбей, келсе да ичип келип, оюн онго, санаасын санга бөлүп жүрүптүр.

ххх

Эртең мененки чайга отурдук. Буурул чачтарын артка тараган олбурлуу таежезде жуунуп-таранып болгон соң, столго жай басып келди. Мени менен баш ийкешип учурашты да, таежем бүлдүркөндүн вареньесин кошуп берген ысык чайдан шурулдата ууртап кирди...

- Жоробек менен Мадина кечээ кечке чейин китепканада даярданышты, -деди таежем биздин арыгыбызды чаап.

Бетим чымырай түштү да, башымды өйдө көтөралбай калдым.

Мадина англисче атасына бир нерселерди көпкө чулдурады эле, ал киши кыска гана:

- Жок, - деп койду.

Бизди англис тилинен 5-класста чала-моңол окутушкан. Эжекебизди экинчи айылга бирөө ала качкан соң, жөн калганбыз. Ошон үчүн эч нерсе түшүнгөн жокмун.

- Эрик-америкага, Нуржан-Германияга окууга кеткени жатат. Мен жок дегенде Москвада окушум керек!

Эрди-катын бири-бирин үнсүз карап коюшту.

- Кызым, атаң экөбүздүн караган тиктегенибиз, көзгө басарыбыз жалгыз -сенсиң. Сен алыс кетсең, биз кантебиз? Акча аяган деле жерибиз жок...

- Күйөөгө тийсем, эмне, кошо кетесиңерби?

Мадина ордунан тура калды да, колундагы бырышкан салфетка менен стол үстүн бир урду.

- Жалгыз менин көзүмдү карабай, көп төрөсөң эмне болот эле!?

Ачууланган бойдон чыгып кетти.

- Же жөнөтөлүбү? Чет тилин да жакшы бүттү, - деди таежем бир топтон соң.

- Кыз кишиге ал жакта суутуп коюптурбу, эркек болсо бир жөн. Бишкекте окуйт, - деген таежезде мага бурулду, - Жоробек, сен кайсыга тапшырайын дейсиң?

-Филфакка.

- Журналистика бөлүмү жарайбы?

- Жакшы болот эле...

Министр таежезде башка сүйлөгөн жок. Качан гана чай ичип бүткөн соң:

- Бир жерге барабыз, кийин, - деди.

- Чочкоканагабы? - деди таежем элейе, - Экзамендерге аз калды даярданбайбы?

- Жоробек даярданып койгон...

ххх

Шаар четиндеги дачага кара "Вольво" көз ачып-жумганча жеткирди. Бизди сакал-муруту сапсайган Андрей деген кары орус тосуп чыкты. Муруну помидордой кызарат. Өтө көп ичет көрүнөт...

Дача дегени подвалы, үч-төрт бөлмөсү, сарайы бар, бак-дарактуу үй экен. Короого кирдик. Сасык жыт "бур" дей түштү. Сарайды төрткө бөлүп, төртөөнө тең ботала болгон кертмек мурун чочколорду камап коюптур. Атын угуп жүргөнүм менен, өздөрүн биринчи көрүшүм. Жытына жан чыдап болбойт. Андрей чочколорду багып, аларды төлдөтүп, кээде союп, базарга алып чыгып сатып турат экен. Бир тууганда жети-сегизди, кээде андан көп торопой тууган чочколор министр таежездемдин чөнтөгүн толтуруп турат окшойт.

Бир жашик вино көтөрүп кирген шоопурду көргөн Андрей кубанганын жашырган жок. Чамасы, өмүрүнүн калганын ушул чочкоканада өткөрүүнү ойлогон ага винодон өткөн жыргал жок сыяктуу. Мени тааныштырды.

- Мындан кийин ар ишемби сайын эртең менен ушул жигит келип турат. Базарга чогуу чыгып, сооданы бирге жасайсыңар. Акчаны ушул жигитке берип, кем-карчы болсо айтып турасың, түшүндүңбү?

- Баары түшүнүктүү, шеф.

Кайра артты карай жөнөдүк.

- Ар жумада ондон торопой сатылат. Ар бири орто эсеп менен 500 сомдон сатылса 5000 сом болот. Аны мага тапшырып турасың. Дежурный машинаны жума сайын жиберем, сенин карамагыңда болот. Барган сайын канчоо тууду, канча болду так эсебин алып тур. Дагы, ичкен-жегениңе, кийимиңе мен акча берем, эжемден бир тыйын алчуу болбо! - деди таежезде.

ххх

Зинанын атасы ички иштер министринин замы экен. Өткөндө, "Жора, сен сөзсүз келгин, келбесең милиция менен издетем" дегенинин жөнү бар болуп чыкты. Зина да бешенелүү кыз экен. Өзүнө таандык үч бөлмөлүү үйдүн ичи чет өлкөлүк мебелдерге толуптур. Килемдер жерде төшөлөт.

Классташтар гимназияны он бир жыл чогуу окуп ажырашаарда, ар бири бирден үйлөрүнө чакырып, сыйлоону эп көрүшкөн окшойт. Вино ичишти, бийлешти, Тампо экөбүздү ырдатышты...

Эмнегедир бул күнү Мадина маанайы чөгүңкү отурду. Адатынча Эрикке алчаңдап, обу жок эркелеген жок. Колтуктан ийе тарткан анын колдорун: "Жөн отур" - деп эки-үч жолу түртүп койду. А Зина бий учурунда мени ээрчитип алып, өзү жаткан бөлмө, үй-бүлөөлүк альбому менен тааныштырды. Экөбүз диванда катар олтуруп калдык. Мындай учурларда көңүлү жакындар бири-бири менен өбүшүп койсо өрөөн көрүшпөйт экен. Зина болсо абдан ачык, тартынбас, шар сүйлөгөн кыз болуп чыкты. Винонун таасириби же чындап жагып калдымбы, айтор, ал ийниме баш жөлөдү да, уйкуга кеткендей түр көрсөттү. Мен ысыктан улам күндөгүдөй пайда болгон мойнумдагы терди аарчып алуудан чочулап, кыймылдабай отурдум. Бакыраң көз кыздын ысык мамилесине ичим жылыды. Чын эле, сүйүп калдымбы? Сүйүү ушундай болобу?..

- Зина, - деди Мадина бир аз орой үн менен, - Жораны жайына кой...

- Эмне деп жатасың? - деди Зина ийнимден шарт башын көтөрүп.

- Эрмекти таштадыңбы?

- Сенин ишиң канча?!

- Башын айландырба...

- Өзүңдү бил... Жүр, Жора, менин бөлмөмө!

Колумдан алып, жанагыл мага тааныштырган күзгүлүү бөлмөсүнө баштап жөнөдү, кирдик. Зина мага тигиле карап калды да, көкүрөгүмө колдорун койду.

- Сүйгөн кызың барбы?

- Ж... жок.

- Өбүшүп көрдүң беле?

- Жок...

Ал көздөрүн жумуп, эриндерин мага жакындатып келатты...

Ошол учурда эшик ачылды да, Мадина кирип келди.

- Жораны жайына кой дебедим беле?

Зина сүйкүмдөнө карап турду да, шарт бөлмөсүнөн чыгып кетти.

- Жигити бар. Хулиган неме. Билсе алдагы мойнуңду бурап таштайт... Жүр, үйгө кетебиз.

Ал менин жакамды оңдогулап койду. Чыгып бараткан бизди Эрик менен Тампо токтотту.

- Мадина, кайда жөнөдүң?

- Кетебиз.

- Ансыз деле туш-тарапка тарап кетип жатабыз. Акыркы жумаларда классташтар чогуу бололу дебедик беле?

- Бүгүн боло албайм.

- Эмне үчүн?

- Маанай жок...

Биз жөнөй бергенде Эрик мени билектен кармап токтотту.

- Сен аралашканы биздин компаниянын ыркы кете баштады, экинчи келбегин!

- Мисалы, мен эмне кылдым?

- Ыркты буздуң!

- Кантип?

- Ошентип!

Сөзгө Мадина аралашты.

- Эрик, кекетпей сүйлөгүн! Келтирип келтирбешти мен чечем. А сен кийлигишпегин!

- Ушул тоолук менен кошо жогол анда!

Эрик мени ичке сөөмөйү менен көкүрөкө түртө сайып-сайып алды. Каным кызып кетип, анын колун толгой кармадым да, артын каратып туруп күч менен түртүп жибердим эле, дубалды катуу сүзүп, отуруп калды. Ошол учурда оң көзүмдөн от чагылыша түштү. Тампо муштап жибериптир. Аны салып жиберет деп күткөн эмесмин. Жазгап келип ээктен ары бир тептим эле, учуп түштү. Тап берип келе жаткан Эрик тайсалдап калды.

- Кир үйүңө, аман кезиңде!

Видик көрүп отурган классташтары ортого түшүп, бизди ажыратып калышты. Көзүм көгөрүп, канталап кетиптир...

... Таежем ашканадан чыга калды да:

- Коку-уй, ботом, көзүң эмне болду? - деп үйрүлүп түшүп калды.

- Автобустун кармагычын уруп алды.

- Кантип?.. Ушу сенин жанагыл шыпааналарыңдын колунан келди, дейм, ыя?

- Качан болсо күнөөкөр- мен.

- Бирөө түртүп жибердиби?

- Жок, чалынып кеттим...

- Этият болбойсуңбу, балам-ай, эптүү эмес көгөрсөчү!

Акыры таежем да тынчтанып, ашканасын карай басты...

ххх

... Түн бир оокумда бөлмөмдүн каалгасы акырын ачылып, Мадина кирди. Ич көйнөкчөн. Терезеден айдын нуру түшүп турган.

- Жора?.. А Жора?

Башымды көтөрдүм.

- Уктай элексиңби?

- Жок...

Ал жанымдагы жөлөнгүчү бар стулга чалкалай отура кетти. Ак көйнөктөн булайган аппак буттары ай нуруна чайканат.

- Уйкум келбей койду...

- Менин да.

- Эмнеге?

- Билбейм... Эрик экөөңөрдүн мамилеңерди бузуп койдум окшойт.

- Аа-й, койчу ошону, өпкөсүнөн башка эч нерсеси жок. Бара-бара көзүмө жек көрүнүп баратат...

Унчукканым жок. Кыйлага чейин унчукпай турдук.

- Айылга эмне үчүн барбай жүрдүң?

- Жакпайт...

- Эмнеси?

- Чаңы...

- Биринчи классты бүткөн жылы баргансың. Жайлоодо болчубуз. Бир колотто сары, биринде көк, да биринде ак майда гүлдөр бар эле. Керели кечке гүл терчүүсүң, колуңдан бир букет гүл түшчүү эмес...

- Анча-мынчасы гана эсимде калыптыр: чаң уюлгуган жолдор, жаман тамдар...

- Айылдан алыс калдың, жакшы нерселер ошол жакта: таза аба, таза суу, эли аккөңүл, адамгерчиликтүү... Сен биздин көкбукадан коркуп ыйлаганың эсиңдеби?

- Эсимде...

- Экөөбүз көпөлөк кубалап жүргөнбүз. Алдыбыздан уйлар жолукту. Биздин көкбукабыз "үү-үв" деп уйларга өкүрсө, бул жакта туруп сен коркуп, мага далдоолонуп алып ыйлагансың. Көкбуканы таш менен урам, же анымды тиги тоготуп койсочу...

- Көрсө, жанымдагы тоголок кара бала сен турбайсыңбы?

- Ошол мен болчумун. Кыпкызыл көйнөк, жоолук салынып баргансың. Бетиң толмоч, аппак кыз элең...

Дагы бир далайга чейин унчукпай калдык.

- Көзүң оорубай калдыбы?

- Жок...

- Тамподон балдардын баары коркчуу. Сен кыйын мушташат турбайсыңбы?

- Машыккамын.

- Айылдабы?

- Албетте... Андан көрө Зина жөнүндө сүйлөп берчи?

- Э, койчу ошол Зинаны... Жеңил неме. Сага жагып калдыбы?

- Эмне десем, жароокер кыз экен...

- Ал эркектин баарына жароокер... Мен кеттим, жакшы жат.

- Өзүң дагы.

Мадина дабышсыз чыгып кетти. Кулк-мүнөзү кескин өзгөргөн ага ичимден таңкалдым. Зинаны эмне үчүн жаман көрөрүн бир аз түшүнгөнсүдүм окшойт...

ххх

Ак үйдүн ар бир кабаты мрамор таштар менен ар түрдүү , улуттук орнаменттер түшүрүлүп кооздолуптур. Полдоруна килем төшөлгөн. Тепкичтери жалтылдайт, этияттап баспасаң бутуң тайып жыгылчудай сезилет...

Министр таежездемдин кенен, жарык, кымбат баалуу, өтө кооз мебелдерге толгон кабинетине кирдим. Ал киши мени четирээктеги диванга отургузду да, өзү столуна өттү. Адам жүзүн өзгөртсө тез эле башка адамга айланып калат тура. Үйдө кызуу кезинде барбалаңдап, жаш баладай убадаларды берген таежездем столуна отураары менен тез эле жүзүн тик карап турууга болбой турган сүрдүү адамга айланды да калды...

- Сансызбай Кебекбекович келди, - деди аппараттан секретарь кыз. Таежезде ордунан козголбой туруп бир нерсени колу менен басты да:

- Кирсин, - деп бурк этти.

Ошол замат эшиктен элеңдеген, бир нерседен чочулаган, көзайнекчен арык, кашка баш киши пайда болду. Университеттин мугалими экен.

Кары мугалим ордунан турумуш болгон министр менен жүгүрүп барып эңиле-эңиле учурашты...

- Ушул келишимдүү жигитпи иниңиз?

- Ооба...

- Жакшы, жакшы, абдан жакшы...

- Журналист болом дейт. Аты - Жоробек, фамилиясы- Сатылганов.

Профессор блокнотуна бир нерселерди шыпылдата жазып алып жатты.

- Ал эми декандык орунду уулуңузга ыйгаруу тууралуу ректор менен сүйлөшүп койдум. Менимче сиз менен макулдаштык го дейм, Сансызбай Кебекбекович?

- Макулдашпай анан! Жоробек дедиңиз, э? Жоробек, бул менин визитный карточкам. Эртең экзамен деген күнү мага телефон чалып койгун, макулбу?

Профессор эңиле-эңиле коштошту да, арты менен жылып барып чыгып кетти.

- Иш бүттү. Жакында студент болосуң, буюрса, Сен эми кете бер. Сергейге барсаң, үйгө жеткирип коөт. Ишемби күнү аны менен дачага барышты унутпа.

Ошентип, ичи кереметтей кооз Ак үйдөн чыктым.

ххх

Кыскасы, окууга да өттүм. Студентмин! Кубанычтан жер баспай калдым. Бутум жерде болгону менен төбөм көктө. Апама: "Окууга өттүм, сүйүнчү, апа!" деген кубанычтуу телеграмма жөнөттүм...

Бир күнү кечкурун таежем:

- Жоробек, сени бир кыз телефонго чакырып жатат, - деп калды.

Трубканы алсам Зина чалып жатыптыр.

- Жора, саат сегизде филармониянын алдында күтүп тур. "Фламингого" киребиз.

- Ал эмне?

- Түнкү диско-клуб. Сенин окууга өтүшүңдү белгилеп коөлу! Айтмакчы, Мадина бул тууралуу билбесин!

- Болуптур.

Трубка шак коюлду. Дендароо болуп туруп калдым. Таежемден кантип уруксат сурайм. Мадинасыз мени эч жака жибербейт. Башым катты. Акыры бир барак алдым да: "Таеже, мен бүгүн кеч кайтам. Издебегиле. Жоробек" деп жазып, кийинип болгон соң, аны керебетимдин үстүнө калтырдым...

"Фламинго" филармониянын подвалында экен. Дүкө-дүк болуп музыка жаңырып жатат. Зина көп күттүргөн жок. Жалтылдаган жапжаңы мерседес жеткирип келди. Жылтылдак кайыштан тигилген модный мини юбка кийип алган. Үстүндө эти көрүнгөн аппак кофта. Тармалдата таштап койгон чачтары көркүн ачып таштаптыр. Анын жанында тырышкан кең көйнөк кийген тоолук жигит мен, коошпой калдым...

- Куттуктайм, Жора!

Ал шарт мойнума асыла түштү да, бетимден чоп эттире өөп алды.

- А сен эмне үчүн өппөйсүң?

- Аа, кечир...

Эптеп өбүмүш болдум. Сүрдөгөндүктөн эрдим бетине тийген-тийбегенин билбей деле калдым.

- Мени да куттуктап койбойсуңбу?

- Ии-ии, юрфактын студенти болушуң менен куттуктаймын!

Ал кылыктана бетин тосту...

Түнкү диско-клубдун оозунда чоң-чоң жигиттер тосуп туруптур. Кирүү акысы киши башына 100 сомдон экен. Зина чөнтөгүмдү шашкалактай оодарып жаткан мени акырын колдон басып токтотту да:

- Сен менин - мейманымсың! - деди да кичинекей кара сумкасын "чык" эттире ачып, жүз сомдуктарды сууруп чыкты.

Кызыл-тазыл жарк-журк эте өчүп-жанган жарык кооздогон, мээге ургулагансыган ударниктин катуу үнү жаңырган залда жалаң эле жаштар эмес орто жаштагылар да жүрөт. Ортодогу аянтчада түрдүү бийлеген балдар-кыздар.

Зина экөөбүз шам жагылган бош столго келип олтурдук. Зина вино, балмуздак, кока-кола заказ берди.

Ошентип түнкү саат экиге чейин тынбай бийледик. Көз алдымда үрүл-бүрүл өчүп-жанган жарык, ойсоңдой бийлеген Зина, анан мээни чарчаткан музыканын дүңкүлдөгү гана калды.

Экөөбүз сыртка чыксак, баягыл мерседес күтүп туруптур. Көрсө, Зина телефон чалып, чакырган экен.

- Меникине барабыз, - деди бүгүнкү кубанычка эреркеген Зина мага ыктай түшүп.

Түнкү караңгылыкты как жарган кара мерседес бизден узап кетип, көп өтпөй үнү да угулбай калды. Зина менин оң колумдан аярлай кармады да, түнкү подьездди көздөй тартты. Тааныш подьезд. Мындан бир топ күн мурун Мадина экөөбүз келип кеткен элек. Көп кабат үйдүн терезелеринин бирин-серининен гана жарык чыгып турганы болбосо, тиричиликтин шарпаалары тынымга тынчып, бардыгы уйкуга тегиз баш койгон. Зина экөөбүз гана жашоонун акырын тарткан демин туюп, тынч түндө ээн калгандай туюлабыз. Кадамдарыбыз подьезд ичиндеги тепкичтерден жаңырып баратты. Бөтөнчө Зинанын шиш такасынын үнү канчалык аярлаганына карабай өктөм дагы, бийик дагы чыгып жатты.

- Тамак ичесиңби? - деди Зина үйгө кирген соң.

- Жок. Курсагым ток.

- Анда ваннага кир, тердеген чыгарсың, душка түшүп ал. Сенден кийин мен кирем, - деди колума жумшак полотенце карматып жатып.

Душка түшүп чыккан соң денем сергип, өзүмдү жеңил сезип калдым.

Кызыл-тазыл гүлдүү халат кийген Зина төркү үйдөн чыгып келди да, адатынча жылмая карап, колумдан тартты.

- Жүрү, жатып эс ал.

Дубалынын төрт тарабы, үстүнөн бери күзгү кадалган өткөндөгү кооз бөлмөгө жетелеп келди. Ортодо диван керебет. Түстүү телевизор, видеомагнитофон, музыкалык центр жана башка буюм-теримдер орду-орду менен жайгаштырылыптыр. Мага анча тааныш эмес цыгандардын гитара күүсү акырын сыбызгыйт. Кызгылтым жарык берген эки лампага диван керебеттин шейшептери өңдөшүп, чакан бөлмө кооз да, таза да көрүнүп турду.

- Жатып эс ал...

Зина мага сырдуу карады да, жыла басып чыгып кетти. Түн ортосуна ооп баратса да эмнегедир уйкум келген жок. Диван керебеттин четине коомай көчүк бастым. Мындай ыңгайлуу бөлмөнү менин айылдык классташтарым көрсө, жүрөктөрү жарылмак. Жумшагын айт, тазасын айт... Жаткан керебетим менен кошо туш тараптан элесим чагылышып турду.

Бир кезде каалга дабышсыз ачылды да, Зинанын башы көрүндү.

- Жатпайсыңбы, Жоробек?

- Азыр.

Ал ичкери ки

рди да мага жалжылдай караган калыбында жумшак басып келатты. Ордумдан турдум. Тулку-бою туш тараптагы күзгүлөрдөн чагылышып, мени көздөй бир эмес, бир канча Зина басып келаткандай туюлуп турду. Анын чачтары суу бойдон болчу, ошентсе да кайсы бир чет өлкөлүк шампундун жыты "бур" этти. Эмнегедир бул жолу эрк бүтүп, аны кучагыма карай ыктата тарттым. Кара көздөрүнүн түбү шоолаланып, жүзү албырып, жакындап келаткан жука эриндери дирилдеп кетти. Эриндерибиз сүр, кумар аралаш чарпыша түштү. Ысык эриндери элжиретип жиберди. Узакка өбүштүк... Андан ары эмне кылыш керектиги суроо бойдон акыл-эсимди бууп, анын жумшак алкымдарынан, жылмакай беттеринен өпкөндү уланта бердим... Бир кезде Зинанын аппак колдору акырын көтөрүлдү да көйнөгүмдүн үстүңкү, анан астыңкы топчуларын чече баштады.

Мындай эпизод кинодо гана болот деп ойлоп жүргөн жаным, кинонун өзүбүздүн эле ушундай турмушубуздан алынып жараларын таптакыр ойлобоптурмун. Мен анын гүлдүү халатынын белбуугучун чечип, аны акырын ийиндеринен ашыра шыпырдым эле, Зинанын жумуру аппак ийиндери, тирсийген мамактары каректериме уруна түштү. Жумшак денесин денеме ыктаттым. Кучагы жагымдуу, жылуу, жумшак келип, кумар отун алоолонтуп турду...

...Мойнума колдорун ороп жаткан Зина көпкө уктады. Тармал чачы менин көкүрөктөрүмө чейин жаба төгүлүп, аппак жүзүнө, жука эриндерине кырдач мурунуна ого бетер көрк берип турду. Бирок, Зина канчалык ажайып сезилип, ага жан отум менен тартылып, чын ыкласым менен берилип турсам да, бир ой менин мээмди мыжыгып жатты. Мен кучагыма кыскан биринчи кыз Зина болгону менен, ал үчүн мен алгачкысы эмес экемин...

Түш ооп баратты. Акырын турдум да душка кирдим. Жуунуп чыккан соң, кайда жүрөт деп кабатыр болбосун үчүн таежеме телефон чалып коймок болдум. Трубканы Мадина алды.

- Кайда жүрөсүң, Жора?

- К... Классташтарым менен.

- Шаарда бир да классташым жок дебедиң беле? Кайсыл классташтарың менен жүрөсүң?

- С... Сен тааныбайсың.

- Токточу, бул Зинанын телефону го?

Кашайган жаным, алардын үйүндө кайсы телефондон чалып жатканды аныктоочу аппарат бар экенин түк эсимден чыгарып салыптырмын!

- Азыр барам.

- Тез келгин, апам сарсанаа болуп олтурат...

Трубканы койгон соң, эсим ооп далайга туруп калдым. Тез жөнөшүм керек. Стол үстүнө: "Зина кечки сыйың үчүн ырахмат! Көрүшкөнчө" деп жазып калтырдым да, сыртка бет аларым менен эшиктин коңгуроосу чырылдап калды. Көзөнөкчөдөн сыртты карадым. Чачтары желкесине жеткен арык жигит туруптур. Ачтым. Ал кыйлага чейин мени мостоө карап турду да, эки көзүн тең жымың-жымың эттире кысып, жерге "чыйт" түкүрүнүп алды. Ошондой өнөкөтү бар окшойт.

- Ким керек эле?

Ал маалката карап турду да, кайра мага суроо узатты:

- Се

н ким бо

лосуң?

- Т...таанышы...

- Кандай таанышы? - деди да, көздөрүн жымың-жымың кысып, жерге түкүрүнүп койду. Мен ойлонуп жооп бергиче ичкериге жөөлөй кирип келди.

- Давай, кет. Куйрукту кыпчыгын да, көзүмө көрүнбөй жогол!

Менин баш-аягыма шылдыңдуу көз жүгүртүп алды да, демите туруп калды. Аңгыча, чачтарын үрпөйткөн, халатын кымтыланган Зина чыга келди.

- Эрмек, келбегин дебедим беле, эмнеге келдиң?

- Сага, алтыным. Сагындым!

- Кеткин тез! Болбосо атама телефон чалам!

- Чал, кана чал! Айыбымды ачамын десең чал! Же...

Кучагын жая жакындаган Эрмекти Зина түртүп жиберди. Демек, Мадина айткан Зинанын хулиган жигити ушул экен.

- Тигини, тигини! Сенсиз жашоо жок мага деп жалынчу эмес белең? Же тиги каранегир башыңды айландырып алдыбы?

Тоонун суугуна тотуккан мен ага негр көрүнүп турсам керек.

- Эй, чыгып кетпейсизби? - дедим акырын, токтоо сүйлөп.

- Эмне, эмне-е, кайталачы!

Жакындап келатты. Муштай түрган түрү бар. Өткөндө кечигип калып, Тамподон көзгө жегенден бери сак болуп калыптырмын. Этияттанып турдум.

- Чыгып кетиңиз, чатактын кереги эмне?

- Уу, сапляк, жогол дебедим беле, а?!

- Сиз жоголуңуз!

Ал күтүлбөгөн жерден оң колун шилтеп калды. Отура калдым да ич талаштыра берип калдым. Жыгылган Эрмек түйүлгөн курсагын баса бүкчүйүп аз отурду да, кайра акырын ордунан туруп келатты.

- Чыгып кетиңиз аке, мындан да жаман болосуз?

Тиги күтүлбөгөн жерден жүгүрүп келди да, мени ичке сүзмөй болду эле, буйтай берсем артымдагы дубалга жабыша түштү. Эки колу менен таяна калбаганда мээси чачырай түшмөк. Бирок, кантсе да мушташып жүргөн неме окшойт, ошол турган калыбында мени бөйрөк тушка тээп калды. Чала тосуп калдым. Көз ирмем убакыттын ичинде экөөбүз кармаша түштүк. Эрикке караганда бул тарамыш экен. Ошентсе да Сагын аке үйрөткөн күрөштүн ыгын пайдаланып, аны ийинден ашырып келип, эсин оодара чаптым.

- Кетип калыңыз, - дедим энтиккенимди баса албай. Мойнунан бутум менен ныгыра басып турдум. Эрмек жерден адатынча акырын турду да, эшикти көздөй жылып жөнөдү.

- Сени... С... сенин өтүңдү алам энеңди урайын! Шашпа!..

Кекенген бойдон чыгып кетти.

Зинанын тилин алганда, балким, бул кырсык болбойт беле... Ал: "Мерседес менен сени жеткиртип коөюн" - деп жакшы эле чебелектеди. Бирок анын Эрмек менен болгон мурдагы мамилесин сезип, ага ичим сыздап тургандыктан, макул болбой койдум эле...

Эрмектин артымдан акмалап келатканын темир жолдон өтө бергенде гана туйдум. Качып кетишке болбой калды. Анткени үчөө мага өтө чукул келип калышыптыр. Мен Зинанын жанында дагы бир сааттай кармалып, аны тынчтандырып коюп чыкканча Эрмек керектүү досторун таап келүүгө үлгүргөн экен.

- Токто!

Мен токтоордон мурда жерде жаткан кыска жыгачты илип алдым. Мындай жыгач колдо турганда үч эмес беш жигит менен коркпой мушташууга болот. Ошентсе да эл ары-бери каттаган ачык жерге ыктай токтодум. Үчөөнүн бири күрсүйгөн неме экен. Жүрөк "шуу" дей түштү. Бирок Сагын акенин: "Эч убакта мушташ учурунда коркпош керек. Маселе адамдын чоң-кичине, күчтүү-алсызында эмес, кеп токтоолукта, акылда" - деген сөздөрүн эстеп, өзүмдү токтоо кармап турдум. Тигилер да сүйлөшпөдү. Үчөө үч жагымдан кысып келатышты, мостоюшат. Мен арт жагыма өткөрбөш үчүн кетенчиктей бердим. Сол жагымдагы чачын тысырайта кырдырган орус жигит тап берери менен оң тизесин кучактап отура калды. Анткени, колумдагы ойноп турган жыгачтын тап берери менен "чак" деп тизесине орной түшкөнүн аңдабай калган эле. Экинчи ирет кол салганга жетишпей калдым. Себеби күрсүгүй атакага өтүп, сол буту менен секирип туруп тээп калды. Араң буйтаганга үлгүрдүм. Чегинишке туура келди. Эрмектин өңү купкуу. Колундагы чычайган бычак экенин эми гана байкадым. Бирок, мага батынып кол сала албай турду.

Бир кезде күрсүгүй тартынбай чабуулга өттү. Кетенчиктей берип шилтеген таягым бир учурда анын билегине урунду. Ал кетенчиктей берери менен айлана берип, жакын кирип келген Эрмекти ээктен ары аңтара тээп өттүм. Колунан ыргыган бычагы лысый баштын жанына түштү. Аны жыга муштаарымда күрсүгүй мени бел талаштыра тээп калууга үлгүрдү. Жерди таяна жөрмөлөп барып туруп кеттим. Колумдагы жыгач түшүп калды. Ошол учурда лысый баш бычак шилтеп калды, буйтай берип, билектен алдым да колун кайрып жибердим. "Ай-й" дээри менен бычагы бошой түштү. Буйдала калганымдан пайдаланып, бошой калган күрсүгүй бул ирет мени тоголото тепти. Тоголонуп барып, тура калдым. Лысый баштын бычагы бул жолу колумда калыптыр. Жабыла берген үчөөнө бычакты шилтей бердим эле күрсүгүй ичин басып калды. Мага курч бычактын бир нерсеге тийгени билинген эмес. Качан гана ак футболкасына кызыл кан сызыла берген күрсүгүйдү көргөндө гана эсиме келе түштүм. Ошол учурда катар турган кабат үйлөрдөн бирөө чалганбы, же кокусунан чыгып калдыбы, айтор, милициянын увазиги өтө жакын келип "кыйч-ч" этип токтоду...

ххх

...Шаар ичиндеги РИИБдин ным, кир жыттанган, светтин сезимди мокоткон күңгүрт жарыгы түшкөн, терезесине мык менен майда көзөнөкчөлөр түшүрүлгөн темир кадалган бөлмөсүнө түртүп киргизишти. Артымдан КПЗынын темир каалгасы "шарак" этип жабылды. "Шар-рак" эткен дабыш менен кошо эркин турмуштун, келечегимдин эшиги бекигендей сезилип кетти. Буугучтарын чечип алышкандыктан, кадам шилтеген сайын сүйрөлгөн ботинкам оордук кылып, "талп-талп" этет. "Бүттү - деген муздак ой көөдөндү тепчип өттү, - Окуу калды... Киши өлтүрдүм, калган өмүр эми түрмөдө өтөт"...

Камерада үч киши отуруптур. Сакал-муруттары саксайган кыргыз чал узун жалгыз столдун жарымын ээлеп уктап жатат. Аракеч сыяктанат. Алтымыштарга таяп калган сабыры суз уйгур киши учурашып деле жарытпады. Ал да ичин курттай жеген сарсаң сезимден арыла албай жаткандай. Мени көңүлү чак кабыл алганы мага курбалдаш Марат деген жигит болду.

- Братва, эмне болду?

- Мушташтым...

- Өзү тийиштиби?

- И-и, өздөрү... Жолумдан тосушту.

- Акча сурашкан го?

- Жок, биринчи бирөөсүн уруп койгом, кийин экөөнү ээрчитип келиптир...

- Анан?

- Бири бычак көтөрүп жүргөн, тартып алып, коргонуш үчүн шилтеп жиберсем курсагын жарып кетти, чамасы өлөт го...

- Мокрушник болот экенсиң!

- Эмне деген сөз ал?

- Түрмөдө киши өлтүргөндөрдү "мокрушник" деп атап коюшат. Тамекиң барбы?

- Жок эле. Чекпейм. Тамеки чексең боло береби?

- Бул жер эми - ашканаң, жатаканаң, ажатканаң...

Марат ордунан турду да:

- Эй, старик, тур! Орун бошот, - деп, аракечти түрткүлөй баштады. Тигил козголуп да койгон жок. Ачууланган Марат араккечтин буттарын жерге түртүп түшүрдү эле мага ылайык орун бошой түштү.

- Кел, отур... Ишиң чатак, братва. Демек, коргонгон турбайсыңбы!

- Ошондой го...

- "Ошондой го" деп сөз ээрчитпей, "кол салышты - коргондум" - дегин. "Акча талап кылышты, бербесем кол салышты, коргонууга мажбур болдум" -дегин. Бир айтканыңдан жаңылба. Тоодон түшкөнүң билинип турбайбы, сага ишенишет. Алдашат, ар түрдүү айла-амалдарга салып көрүшөт. Эң башкысы адвокат жалда!

- Кантип жалдайм?

- Талап кыл. Үч күндөн кийин адвокат керек дегин. Бирок, ага акча төлөшүң керек.

- Канча?

- 3000ден 5000ге чейин.

- Анча акча табалбайм, Марат.

- Табылат, бул жерде туугандарың барбы?

- Бар, бирок...

- Кедейби? Анда мен бүгүн-эртең чыксам, ата-энеңе телеграмма жөнөтөм. Жетип келишет.

"Апам билсе, анда иштин бүткөнү, ыйлайт, айылдагы тууган-туушкандардан бери көтөрөт, аңыз кепке айланам. Анан окуя таежездеге жетет. Алардын бетин кантип карайм? Адвокаттын кереги жок... Акыркы мал-салды сатсак, ини-карындаштарым аш-катыктан кыйналат. Андан көрө түрмөгө жатып чыкканым жакшы... Же Зинага кабар берип көрсөм бекен?" - деген ойлордон улам тунжурай түшүптүрмүн.

- Эй, угуп жатасыңбы?

- Ооба...

- Көп ойлонбо, баары жакшы бүтөт. Мыкты адвокат таап берем.

- Ага эми акча жок да...

- Ата-энең жардамдашпайбы?

- Атам жок... Апам жесирликтин азабын көп тартты, дагы түйшүккө салгым келбейт. Андан көрө соттолуп кеткеним жакшы...

- Муну карап кой, түрмөнү бейиш менен алмаштырып алгансың го, братва?! Түрмөгө түшкөнүң - өлгөнүң, түгөнгөнүң. Азыркы зоонанын турмушун желкеңдин чуңкуру көрсүн! Же жинди, же нашоокор, же кургак учук, эч нерсеге жарабай жарымжан болуп чыгасың. "Зек" деген сөз мойнуңа иттин каргысындай илинет да калат. Тигил балдардын тааныштары болсо, сени оңой гана каматтырып жиберишет. Ушул кезде тамырың менен таанышың, анан акчаң сүйлөп калган. Ошон үчүн ойлон, братва! Тааныштарың бардыр, ойлонуп көр!

Жүрөгүмдү бирөө мыжыга кармалап жаткансып, сыздап ооруй баштады. "Таежездеге билдирсемби? Окууга да өткөрсөм, түрмөдөн да чыгарсам, деги кандай баласың? Уят деген барбы? Бет деген барбы? - деп опурулсачы? Демек, ал кишинин азырынча билбей турганы оң. Оордоп баратса кабар берермин".

- Зина деген кыз бар...

- Кыз?! Койчу, эй, кызыңдын колунан эмне келет? Хе-хе... Акыбалың мышык ыйлагыдай экен. Жетим болсоң, тааныштарың, же акчаң болбосо, зоонага ыйлап гана кирип барат турбайсыңбы!

Оту өчкөн көздөрү менен мени кээде үмүт үзө карап коюп отурган уйгур киши ордунан туруп, ары-бери баса баштады.

- Мына, бул байкени да "киши өлтүргөнсүң" деп күнөө коюп жатышат. Болгону эртең менен бедесин сугарганы барса, каракушка кетмен менен бирди жеген жаш жигит беденин арасында өлүп жатыптыр. Милицияга кабар берет. Алар барып текшерип көрүшөт да "Кан болгон кетмен сеники, демек, сен өлтүргөнсүң" - деп эки күндөн бери камап отурушат.

- Өзүң эмненин үстүнөн чыктың?

- Рэкетмин... Камаздар менен оптом жашылча, жер-жемиш алып келгендерге рэкеттик кылчуубуз. Алма алып келген бир бизнесмен "взнос" төлөөдөн баш тартканынан, "намазын" окутуп койсок, арызданып коюптур. Дагы жакшы ошол күнү мен жалгыз бардым эле.

- Сени да камайт турбайбы?

- Көрөбүз, "кырышабыз" бар, чыгып кетем го деген үмүт чоң.

- Кырышаң ким?

- Атам. Юрист. Азыр пенсияда. Бул жердегилердин 80%ы атамдын кол алдында иштешкен.

Марат "ушундай, братва" дегенсип бир көзүн кысып койду. Көрсө, чечекейи чеч, көөнү куунак отурганынын себеби бар экен.

- Мен мурда дагы отургамын. СИЗОнун баландасын 8 ай жедим, "чөп" чегип көрдүм.

- "Чөбүң" эмне?

- Нашаа... ж

үрөгүңдү ооруткан сезимдерди унутуп, каалгып учуп, жыргап каласың... Чефир ичтим. Кадимки чайды кайра-кайра кайната беришип, качан кыпкызыл болгондо гана ичишет...

КПЗынын эшиги калдырттап барып ачылды да, бир милиционер менен кошо мурутчан, чаар костюм шым кийген жигит көрүндү.

- Мага келишти, - деп Марат чыканагы менен мени нукуп койду.

- Сабитахунов Мусажан?

- Мен.

- Чыгыңыз бери.

Уйгур киши чыгып кетери менен темир эшик кайра "карс" жабылды.

Коңурукту кош тартып жаткан сакалдары сапсайган аракеч акырын кыймылдап, ордунан турду. Чоң, кызыл мурундары, самтыраган эски, кир кийимдери тигинин үй-жайы жок, тентиген бомж экенин далилдеп турду. Башына жазданып жаткан чапанынын ичинде бир бөлкө нан бар экен, чоң сындырып алды да, ачкөздүк менен аптыга жей баштады. Нандын күкүмдөрү булганган цемент-полго кырмандагыдай күбүлүп түшүп жатканына бомж кыпындай да көңүл буруп койгон жок.

"Нанды ысырап кылбай, жерге түшүрбөй жегиле, биринчиден - убал болот, экинчиден ырыс-кешигиңерди кошо чачып жибересиңер" - дечү апам. Чамасы, нанды кор тутканы үчүн бул киши да, дүр-дүнүйөдөн, бала-бакырасынан кол жууп, тентип калса керек...

Марат болсо түрмө жөнүндө тынбай сүйлөп жатты. Кийинки күндөрүм менен жылдарым өтө турган, аты небактан бери тааныш, бирок сүрдүү, сестентээрлик угулган "түрмө" тууралуу кызыгуу менен угуп отурдум. Зектердин жашоосу, жеген тамактары, жасаган иштери жөнүндө билүү мага керек, анткени "бүттү баары, калган өмүрүм эми түрмөдө өтөт" -деген ой жан дүйнөмдү жабыркатып, башымды биротоло ээлеп алган эле.

...Көп өтпөй темир эшик кайрадан тарактап калды.

- Точно мага келишти эми...

Ордунан обдулуп бараткан Мараттын бул жолку үмүтү да таш капты. Үңкүйгөн, бул дүйнөнүн жарыгы менен шаңына түкүрүп таштаган Сабитахуновду түртүп киргизишти. Сурактын жыйынтыгы, анын кар жааган кабагынан эле билинип турду. "Шуу-у" үшкүрүнүп алган бечара, өз ордуна отурду да ийнин солкулдатып, ыйлап кирди. Экөбүз бири-бирибизди карап, эмне кыларыбызды, кантип соороторубузду билбей, селейдик да калдык.

- Сво-олуч-чтар, акмактар, алдамчылар-р...

- Байке?.. Байке, эмне болду?

Маратка жооп бермек турсун, карап да койбой үңүлдөгөнүн күчөттү...

Кыйын болгон окшойт. Ар кимибиз өз башыбызга түшкөн санааны унутуп, аяй тиктеп калдык. Албетте, жаңылып, жазып тергөөчүнүн тузагына илинсе, андан кайра чыгышы кыйын... Эми талаанын шамалына маңдай сылатып, беденин аңкыган жытына маашырлана кетмен чаап, арык суусундай шылдыр аккан күндөрүнө суктана кыял агытып жүргөн карапайым дыйкандын калган жашоосу төрт тарабы тосулган, күн нуру жетпеген, сыз, тажатма камерада өтө турган болду. Мынчалык тереңдеп кетерин билген эмес окшойт...

- Эмне үчүн, балдар? Айткылачы?! Мен адам өлтүрмөк тургай, муштап да көргөн эмесмин, - жаштуу көздөрүн экөөбүзгө кадады, - Аялым оорулуу, жарымжан, эми беш баламды ким багат?

- 10 жылдан 15 жылга чейин кесилет, - деди Марат кулагыма шыбырап.

Бомж бейкапар нан жеп жатты. Кайгы менен кубанычты унуткан анын жүз граммдан башкага табити жок шекилдүү...

ххх

Туюкка түшкөн эчкидей туйлап отуруп, эптеп таңды атырдым. Отургучта отуруп уктап көрбөгөндүктөн бир аз чырым этип алыш тозок болду. Мусажандын ыйы, бомж-аракечтин дарылдата тарткан коңуругу ого бетер заманамды кууруп, кең дүйнөмдү таарытып жиберди. Өлүү тынчтык өкүм сүргөн, канталаа, жөргөмүштөрү оюн салган камерада бир күн эмес, миң күн өмүр сүргөнсүп отурдум. "Зинага азгырылбаганда, бул балекет болбойт болчу" - деген өкүнүчтүү ой көңүлдө турду.

КПЗынын каалгасы адаттагысындай тарактап жатып ачылды.

- Айбашов Марат?

- Мен...

СИЗОдогу общяктардын турмушун, пахандын бийлигин, сырткы дүйнөгө белгисиз закондорун, дубактардын кысымын айтып берип отуруп, дубалга жөлөнгөн бойдон эми гана уйкуга ык койгон Марат "селт" этип ордунан тура калды.

- Бери чык. Сен Кемелбек Айбашевичтин баласы болосуңбу?

- Баласымын...

- Э, мурдуңду урайын, эмне бейбаштык кылып жүрөсүң?

Эркелете жонунан таптаган мурутчан, солидный кийинген тергөөчүнүн суроосун жоопсуз калтырган Марат мага кайрылды.

- Кантип чечтиң?

- Зинага телефон чалып кой.

- Жакшы калгыла.

- Жакшы бар.

Камеранын каалгасы ыйлап барып жабылды...

Мараттын кетиши менен камерада кайрадан өлүү тынчтык өкүм сүрүп калды. Кечээтен бери наар албагандыктан, өзөгүм үзө тарта баштады. Бомждун бөлкө наны эске түштү да шилекейимди кулк жуттум... Бул жерде, КПЗда отургандарга эмнегедир тамак берилбейт экен. Сырттан тууган-туушкандарың, дос-жарларың гана бир нерселерди киргизип, кичине өзөк жалгабасаң, кезерип отура бергидейсиң...

Бомж-аракеч кайрадан уйкуда. Уйгур киши көз жашы небак кургап, жүрөгүн кыжаалат кылган ойлордун кучагында. Ал да уктабады. Мүмкүн күнөөлүдүр, болбосо тергөөчүлөр деле жөн эле күнөөлөй беришпейт болчу... Ой, ой, ой артынан ойлор, убакытты ойго тунуп кыялга берилип гана өткөрбөсөң, буту-колуңду тушаган мындай "жаналгыч" камерада айлап-жылдап кандай эрки бек адамдар чыдап отурат болду экен? Менин чыдамым түгөнүп, ары-бери басып, буулугуп бараттым...

Ошентип, түш оой бергенден кийин (убакыт түш болгонун камерадан чыккандан кийин гана билдим), чачтары жыдып түшкөн Аскар деген тергөөчүнүн бет маңдайында отурдум. Бөлмө өтө чакан экен. Стол үстүндө телефон, кичинекей машинка турат. Тергөөчү машинканы чакылдата басып, менин өмүр баянымды жазып алды.

- Ишиң чатак, Жоробек. Бирөөнүн курсагын жаргансың, ажыраткандардын биринин ээгин талкалап, экинчисинин көзүн чыгара муштагансың. "Холодный оружие" колдонгонсуң, коомдук жайда тартип бузгансың. Бир топ статья мойнуңа илинет.

- Коргондум, жолдош тергөөчү.

Марат үйрөткөн "акча сурашты" деген сөздү эмнегедир айта албадым.

- Кимиси баштады?

- Узун чачтуусу.

- Мурда тааныйт белең?

- Жок... Узун чачтуусун бир аз мурун Зина деген кыздын үйүнөн жолуктурган элем. Ошол жерден мушташа кеткенбиз...

- Эмне үчүн?

- Мени "кетип кал" деп, жаман сөздөр менен сөктү.

- Демек, кыз талашкан турбайсыңарбы?

- Ошондой десе да болот.

- Бычакты жаныңа дайым салып жүрөсүңбү?

- Бычакты тартып алдым.

- Кимден?

- Узун чачтан. Мага шилтегенде тосо калып, колун кайрып туруп тартып алдым. Анан көптөп кетишкенде аларды жазгаш үчүн шилтегилеп жиберсем, ак футболкачандын курсагын чийип кетти.

- Көрүп тургандар бар беле?

- Байкаганым жок...

- Зина деген кыздын дареги кандай?

Ошол учурда стол үстүндөгү телефон шыңгырап калды.

- Угуп жатам, жолдош полковник. N 715-делобу?.. Ооба, менде... Отурат... Жакшы болот.

Тергөөчү мени сынай бир карап алды да:

- Жүргүн мени менен, - деп документтерин жыйнаштырып кирди.

"Кабылдама" деген жазуусу бар бөлмөдө бир топ киши кезек күтүп отурушуптур. Секретарша тергөөчүгө:

- Силерди күтүп жатат, - деди.

Ичкери кирдик. Биринчи көзүмө Зина урунду. Төрдө отурган акчач, жашы эр ортону элүүлөргө барып калган полковниктен тартынбай туруп, шарт мойнума асыла кетти. Өзүмдү ыңгайсыз сезген мага бир сыйра көз жүгүртүп алган соң, жеңил дем алып:

- Ооруган жериң жокпу? - деди камкордоно.

- Сопсоомун.

- Жора, Жоробек... Көрсө, келишкен жигит турбайсыңбы. Биздин Зина алтын кыз, капа кылбай жүр, - деген полковник ордунан турду, - Кана, улук лейтенант, тигилер кимдер экен, тактап бүттүңбү?

- Тактадык, жолдош полковник, экөө мурда да соттолуп, азыр кезектеги кылмыш иштери боюнча издөөдө жүргөн. Үчөө тең кылмыштарын моюндарына алышты: 6 уурулук, 3 талоончулук кылышкан.

- Токто, улук лейтенант, демек бул жигит шайканы колго түшүргөн турбайбы! Азамат! Тигилердин делолорун толукта, прокурордун токтому чыгары менен иштери сотко өтөт.

- Аяшата, биз кете берсек болобу? - деди Зина мени колтуктай берип. Полковник Зинанын бешенесинен өптү:

- Баргыла, баргыла. Апаңа менден салам айтып кой, айтмакчы, баш оорусу кантти?

- Жакындан бери жакшы. Сизге ырахмат!

- Жакшы баргыла!

ххх

...Көбүктүү суу толтурулган ваннага түшкөн мени халатынын жеңдерин түрүнгөн, чачын артына "хвостик" кылып байлап койгон Зина жумшак, кичинекей алакандары менен жаш баладай эркелетип жуундура баштады.

- Өф-ф, түрмө, кир, дагы бир нерселер жыттанасың...

- Зина, - дедим көзүмдү жумган калыбымда жыргап отуруп, - Шаарда туулсаң дагы эмне үчүн кыргыз тилинде түш жоруйсуң? Башкалар мурдуң кайсы десе оозун көрсөтөт го?

- Үч жыл чоң энемдин колунда жүргөмүн.

- Кайда?

- Жети-Өгүздө.

- Тоолуу айылбы?

- Ананчы!

Зина кызыл, сары, көк, чоң, кичине кооз гүлдөр, бийик тоолор, көл жөнүндө берилүү менен сүйлөп жатты...

Күнү кечинде жаштыгым менен, Зина, Мадина сыяктуу шаардык татынакай кыздар менен, апам, бир туугандарым, классташтарым менен, кенедейимден тилек кылып жүргөн ой-максаттарым менен коштошуп, оюм онго, санаам санга бөлүнүп, уйкум качып отурган менин денеме жан киргенсип, күлкүм, сөзүм чыгып, өчкөн шамым кайра тутангандай сезилип отурдум. Жылуу алакандар бирде башымдан, бирде мойнумдан сылап, качандыр бир тентек кезде таштекке салып алып кумардана жуундурган апамды эсиме салды... Майда жандыктар бирде таманымда, бирде мойнумда жөрмөлөп, этимди жыйрып, кирпик какпай таң атырган КПЗдагы азаптуу түн эстен шарт чыкты. Ушул жылуу колдор эки күндүк оор санаадан таптаза арылтып таштагансыды...

...Өткөндөгү күзгүлүү бөлмөдө жатабыз. Так төбөбүздөгү күзгүдөн аппак колдорун орой, мойнума мурдун такап, мага чырмалып алган Зинага назар бурдум. Келишимдүүлүгүнө аккөңүлдүгү, жароокерлиги шай келишкен, атасынын мансабын, байлыгын бетине карманбаган, сезгичтиги жанда жок айперинин айылдын маңыроо, тоонун шамалы менен күнү тотуктурган, кийиништи да билбеген, орус тилинде эптеп сүйлөгөн менин жагып калганыма айраң таңмын. Жашоосу жомоктогудай шаардык эрке кыздын максаты эмне? Мага жасаган мамилеси жасалма эмеспи?..

- Зина?

- Тынч...

- Зина, бир нерсе сурайынбы?

- Чүш-ш, демиңди, жытыңды сезип, магдырап баратам... Ох-өх, мынча жагымдуусуң...

- Мага эмне үчүн жан тартып жүрөсүң?

- Өзүм да түшүнбөйм. Сени эстейм да, турам... Башкачасың... Өзгөчөсүң...

- Кандайча? Эмнем башкача?

- Сулуусуң...

- Хе-хе, калп мунуң.

- Чыпачын, мурдуң кырдач, кашы-көзүң кара, бой-келбетиң -Ван-Дамдыкындай... Болгону причөсканы оңдо. Денең чымыр, - ал чың көкүрөк булчуңдарымды чымчылап, сылап жатты, - Демек, чачты короткий, кыска тегиздетип жүрүшүң керек... Кара, жеңи жок футболка, корейский очки, жынсы же багелеги тар вельвет шым гана жетишпейт... Анан, митаамдыкты, алдамчылыкты билбейсиң. Адамгерчиликтүүсүң.

- Дагы...

- Таланттуусуң. Ырдаган укмуш жарашат. Ырың менен арбадың мени... Жандүйнөңдү, дилиңди берип ырдайсың... Жылмайып ырдап жатсаң эки бетиң албырып тириукмуш сулуу болуп кетесиң. Кызганып кетем...

- Ашыра мактадың, ырахмат...

- Чүш-ш, токто, мен эң негизгисин айта элекмин... Эң башкысы сен - тоо, кымыз, айыл жыттанасың. Мунун баары көздөрүңдө көөлгүп, турпатыңдан буруксуп турат. Сен таза, нукура кыргызсың. Ошол касиеттер мени арбайт да, азгырат да турат.

- Мактаганга уста турбайсыңбы. Бирок, чөйрөңдөгүлөрдү көрүп, сени мынчалык деп ойлобоптурмун...

- Мындан кийин ойлоп жүргүн. А чөйрөмдөгүлөрдүбү? Койчу, ошолорду! Баштары - көңдөй, татынакай гана причөскалары бар. Элиң тарап, тентип, куруп кетсе да тоготуп же күйүп койбойт. Анткени алар тоолор менен киндиктеш өскөн эмес, кыргыздардын чыныгы жашоосунан атчабым алыста калышкан... Ошондуктан, шаардыктарды сенин бучкагыңа да теңебейм...

- Эрмекти дагыбы?

Ал менин чачтарымды уйпалап жиберди.

- Экинчи айтпачы! Эстегенге татыксыз неме!

- Эмнени "атаңа айтам" - деп коркутуп жүрөт?

- Видеокасета...

- Анда эмне бар эле?

- Баары... Жаштык кылгамын... Көпкөнмүн... Келчи, башка темага өтөлү?.. Өөп-өөп койчу мени?

- Ачыгын айтсаң өбөм...

- Кийин... Сөзсүз айтам. Азыр көңүл оорутпайлычы, макулбу?

- Макул.

- Өбөсүңбү эми?..

ххх

Таежемдин кымбат дермантин капталган эшигинде кире албай жүрөксүп, далайга турдум. Эмне дейт, урушабы, тилдейби, же жолуңа түш дейби?

Каалганы ачкан таежем оозун араандай ачып туруп калды.

- Ботом, сен - Жоробексиңби?

- Мен...

Зинанын "Спутник" аттуу элитный дүкөнгө алып кирип, ал жерден тандап жатып сатып берген кийимдери, "Айпери" салонунан жасаткан кыска прическасы мени таптакыр өзгөртүп койгон.

- Мына эмесе, келишкен жигит болуп калыптырсың!.. Карачы, Мадина, Жоробекти, жездем да ушундай шыңга бойлуу киши эле, ыраматылык!

Ичкерки бөлмөдөн чыга калган Мадина мага кызыга көз салып турду.

- Кечинде телефон чалбаганыңда милицияга билдирет элем. Ээн-эркин кете бергидей бул жер айыл эмес, Жоробек, мындан кийин карыш бассаң да мага кабарлап тур. Макулбу?

- Кечирип коюңуз, таеже.

- Классташыңдын атасынын шаарда үйү барбы?

- Б-бар...

- Жора, жалган айтат, мама.

Сөзгө Мадина аралаша кетти. Таежемдин оозунан сөзү түшүп, кызарып кеткен мени таңкалып карап калбаспы.

- Эмне дейт, ботом? Анда кимдикинде болдуң?

- Зина шуркуянын үйүндө...

- Ок, катыгүн, - таежем кызын кагып жиберди, - Ошентип да сүйлөйбү, какшаал десе, өзүңдүн классташың кантип жамандасын!

- Жораны азгырып жүрөт. Жайына кой, айылдык жоош баланын башын айландырба деп айтсам, ал укпай койду.

- Э, кокуй, эмитен эле кыздар менен сүйлөшө баштадыңбы? Жакшы эме-ес, балам? Окууну таштап салып жүрбө?

- Зина жакшы кыз, таеже. Жаман ойлобоңуз.

- Үч күн эмес, үч саат жоголсом ыйлап жибересиңер, эмне үчүн Жораны урушпайсыңар?

- Басыл, сен нары бар. Жоробек, кухняга кир, тамак ич.

- Ырахмат, курсагым ток эле...

- Зина гамбургер сатып берсе керек.

- Кирчи нары саксаңдабай, ботом! Эмне болгон буга?..

... Чечинип, жумшак диванга сунала жатып "Чыгыштын мушташ өнөрү" деген китепти окуп отурсам каалга акырын чертилди да, менин жообумду күтпөстөн Мадина кирип келди.

- Милицияга эмнеге түштүң?

- Ким айтты?

- Зина... Телефон чалгамын.

- ...

- Кимдер менен мушташтың?

- Эч ким менен... Адашып кармашыптыр. Чамасы, бирөө менен окшоштуруп алышкан окшойт.

- Үч күн себепсиз камагандыгы үчүн сотко бериш керек.

- Жөн кой.

- Жөн койбойм, папам иштен келсин, аларга көргүлүктү көрсөтпөсөмбү!

- Мадина, менин иштериме киришпей, жайыма койчу, суранам...

Үндөбөй калды. Оң колу менен кыска чачын тарап-тарап алды да:

- Таарынып калдыңбы? - деди кунт коө карап.

- Билбейм, зиркилдеп эле калыптырсың го...

- Ал эмне деген сөз?

- Ачууланып дегеним...

Чындыгында анын мага эмне үчүн касын тигип, таежеме ар кайсыны айтып жатканына ичим чыкпай калган.

- Зина бузулган кыз, сенин башыңды айландырып, эптеп тийип алгысы келип жүрөт. Сен аны билбейсиң, анын жоруктарын мен өз көзүм менен көргөмүн...

- Эмне болгон жоруктар?

- Түңкү барда "стриптизге" түшкөн...

- А эмне, жаман нерсеби?

- Ой, бли-ин, - Мадина айласы түгөнө үшкүрүнүп алды, - Ох-х, тупой немесиң го? Жылаңачтанып алып бийлейт! Толгон эркектердин көзүнчө...

Ичим муздай баштады.

- Эрмек деген хулиган жигити бар, эгер Зинаны шынаарлаганыңды билсе, башыңды алат. Анын криминалдуу чөйрө менен аралашкан достору бар. Сага кайталап айтып коөюн, Зинадан алыс жүр! Балдар ошон үчүн ага жологондон коркот.

Эмнегедир Мадинанын сөздөрү ич тардыктан улам чыгып жаткандай сезилди. Зина жөнүндө башка жаман нерселерди угууну каалабадым.

- Болуптур Мадина, баары эсте болот.

Мадина бир топко чейин үнсүз отурду да, үндөбөй чыгып кетти. Таежемдин өзүн менден жогору сезген, кыйынсынып жүргөн кызынын мүнөзү, мага жасаган мамилеси кийинки күндөрү ачык эле кескин өзгөрө баштады. Мүмкүн туугандык сезими ойгонгондур, мүмкүн айылдык мени алданып калбасын деп аяп жаткандыр деген ой менен алдымдагы китепке үңүлдүм.

ххх

Жаңы окуу жылы башталып, КМУУнун журналистика факультетинин элүүдөн ашык 1-курсунун студенттери университеттин чоң залында отурдук. Факультеттин деканы Ороз Кудайбергенов ар бир группанын кураторлору менен тааныштырды. Биздин "Б" группаныкы Айгүл Сейдалиева деген эже экен. Тааныштыруу аяктап, кезек жогорку курстун студенттеринин өздүк көркөм чыгармачылыгынын катышуучуларына келгенде декан:

- Урматтуу, студенттер, биз үчүн өтө жагымдуу кабарды угузуу үчүн келген райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын полковниги Казыбеков Мурадилге сөз берилет, - деди.

Жанатан бери мугалимдердин катарында отурган семиз полковник ордунан турду.

- Жолдош студенттер, биринчи иретте силердин университеттин студенти болушуңар менен куттуктайм!

Мен атайын тапшырма менен келдим. Араңарда көптөн бери колго түшпөй жүргөн кылмыштуу топту жалгыз колго түшүргөн мыкты, эр жүрөк курсташыңар отурат...

Студенттер элеңдеп, бири-бирин "сен эмессиңби!" дешип шектүү карап жатышты.

- Тоноо үчүн капысынан кол салып, бычак кезеген үч бандиттин эсин оодарган ал жигитибиздин аты - Жоробек Сатылганов!

Денем сенейип катып калды. Мындайды күтпөгөн жаным эмне кыларымды билбей турдум. Студенттер шатырата кол чаап жатышты.

- Кана, Жоробек, бери чык, - деди декан студенттердин арасын тинте карап. Мен ордумдан араң көтөрүлдүм. Кол чабуу ого бетер күчөдү. Жайнаган кубанычтуу, суктанган, таңгалган көздөрдүн коштоосу менен полковниктин жанына барып туруп калдым. Полковник сөзүн улады.

- Жоробекке кол салган кылмыштуу бул топ, буга чейин 6 жолу уурулук, 3 жолу талоончулук кылып, 3 кишинин денесине олуттуу залал келтирген. Азыр жасаган иштерин моюндарына алып, СИЗОдо отурушат. Дагы башка кылмыштуу иштерге аралашкан аралашпагандарын текшерип жатабыз. Мага биздин ички иштер бөлүмү тарабынан Жоробекке берилген мактоо баракчасын жана 100 сом акчалай сыйлыкты тапшырып коюуга уруксат этиңиздер!

Полковник менин колумду бек кысып, Грамота менен кошо конверт тапшырды. Студенттер эми орундарынан туруп кол чаап жатты. Мен залга көз чаптырып, тээ кире бериште турган Зинаны көрдүм. Күлүмсүрөп койду. Декан баш болгон агай-эжекелер кезек менен келип, колумду кысып, куттуктап жатышты. Бир аздан соң, кайра көз жиберип Зинаны ордунан таппай алдым...

Ошентип, бир заматта факультеттин мугалимдерине, 1-курстун студенттерине таанылып калдым.

ххх

Жаштыктын жагымдуу маанай тартуулаган студенттик күндөрү өтүп жатты. Студенттик жатаканада жашоо бешенеме буюрбаптыр. Таежем таптакыр мойноп: "Ата-энелери алыста калган ээнбаш балдарга кошулуп, бузулуп, тентек болуп кетесиң, анда эжемдин бетин кантип карайм? Үйүбүз кенен, каалаган бөлмөңдө жаша, каалашыңча ичип-же да, кечкисин кашымда отур" - деп каршы чыкты. Ойлонуп көрсөм таежемдин айткандары туура экен. Апама да жеңил болчудай. Ал эми университеттин жатаканаларына түштө, же сабактан соң группалаштарга кошулуп барып жүрдүм...

Бир жуманын ишемби, жекшемби күндөрү таежезденин иномаркасына түшүп, чочкоканага каттайм. Дядя Андрейди вино менен жабдыган соң, сасык баткакка ботала болгон тандалган торопойлорду шлангадагы суу менен жууп туруп, базарга алып барып сатып жүрдүм. Чочкокананын жанында үч темир ящик бар, үчөөндө тең тамак аштын калдыктары дайыма толтура куюлуп турат. Чамасы таежездеге кошомат кылган ашкананын же ресторандын бир шефи өтүлүн алса керек. Тамак-аш кенен болгондуктан биздин чочколор көп-көптөн тууп жатты. Торопойлору да тез торолуп, чоң, семиз болгондуктан, соодабыз бат бүтүп жүрдү...

Акырындык менен шаардыктардын кийингенин, ичкен-жегенине жана жүрүм-турумдарына чейин үйрөнө баштадым. Баягыл тоонун суугу менен күнүнө туурулган өңүм кадимкидей агарып, бетимдин кызылы азайып, таза, тыкан кийинип жүргөндүктөн басканым да шайдоот тартып, ошого жараша кулк-мүнөзүм өзгөрүп бараткансыды.

Группадагы балдар-кыздардын баары менен мамилем жакшы. Ошондой болсо да Нурбек аттуу бала менен абдан жакын болуп кеттим. Экөөбүздү спорт жакындаштырды. Сабактан чыгып "Балбан" аттуу спорт клубда кикбоксинг менен машыгып жүрдүк.

ххх

"Балбандагы" машыгуу жумасына үч жолу кечинде болгондуктан, үйгө жатаарда кайтып жүрдүм. Арам териң чыкканча машыккан соң, душка түшүп, таптаза чайканып, көчө менен серүүндөп басып көр! Жеңилдикти, тазалыкты сезесиң...

Сагын аке башкача тарбиялоочу. Алгач кыштакка эң жакын Таш-Дөбө деген жайлоого чейин жүгүрүп барчуубуз. Ат минип барган Сагын аке колуна топ кармап күтүп турат. Чогуу футбол ойночубуз, алсыраган соң гана, машыгуу башталчу. Татаал каталарды үйрөнүп, чарчап-чаалыккандан кийин, кайра кыштак четиндеги өзөнгө чейин жүгүрүп барчубуз... Ошол үч-төрт жылдык үзгүлтүксүз машыгуу менин дене түзүлүшүмдү өзгөрткөн. Атам жок болгондуктан, үйдүн кара жумушун жасоо да оңойго турган жок...

Бардыгыбыз Окинавалыктардын эрдигине суктанаар элек. Сагын аке кичинекей аралдын баатырларын бекер жерден сөз кылып, жөнү жок даңазалабаптыр.

1592-1598-жылдары Кытай королдугуна формалдуу баш ийген Окинава аралын 3 миңге жакын япон самурайлары жүзгө жакын согуштук кемелери менен келип, басып алат. Ырайымсыздык, талоончулук менен бийлик жүргүзүлө баштайт. Кыйналган дыйкандар салык жыйнагандарды, конвойлорду өлтүрүшөт. Ошондо түштүк япон князы Тоөтоми Хидэөси аларга курал алып жүрүүгө, пайдаланууга катуу тыюу салат, баш ийбегендер өлүм жазасына тартыларын жарыялайт. Айыл-айылдардан темир-тезектер, темир буюмдар чогултулуп, устаканалар жабылат. Эркин жашап, иштеп көнгөн окинавалыктардын ички нааразычылыктары күчөгөндөн-күчөгөн. Бирок, жакшы куралданган армияга куру кол каршы чыгуу пайдасыз болуп, кырылууга алып келмек. Акыры алар өтө жашыруун коом түзүп, каратэдо менен жапырт машыга башташат. Машыгуу абдан көмүскө сакталып, оозу ачыктарды, чыккынчыларды акулаларга салып берип, катуу жазалашкан. Көп жылдар бою тынымсыз машыккан аралдыктар тири укмуш кыйраткыч күчкө жетишкен. Колу менен самурайдын темир тулгаларын талкалай уруучу соккуга ээ болушкан. Алар жыгач челекке салынган куурулган буурчакты күнүнө миңдеген ирет ургулап колдорун, буттарын бышырышкан экен. Натыйжада сезгичтигин жоготкон колдор мүйүздөй катуу болуп чыга келген. Колдун соккусу - 700 килограммга, буттуку 1 тонналык салмакка жетет. Мындан сырткары узундугу 182 сантиметр болгон катуу таяктар, нунтяктар менен салгылашуунун не бир татаал техникасын ойлоп табышкан. Нунтяк - узундугу 20-30 сантиметр болгон эки бекем жыгач, ортосу бышык кытай жибеги, же майда чынжыр менен туташтырылган курал. Самурайлардын өткүр кылычтарынан коргонууга, чабуул коюуга, душманды муунтуп өлтүрүүгө, талылуу жерлерге урууга ыңгайлуу болгон. Сагын аке нантяку менен ката жасап, түрдүү ыкмаларды көрсөткөндө, качан, кантип, кандайча мишенге уруп жатканын ажыратуу кыйын болчу. Себеби, нантяку оң колдон сол колго тез-тез өтүп, абдан татаал ыкмалар менен пайдаланылчу.

Натыйжада, окинавалыктар тишине чейин куралданган самурайлардын ташын талкан кылып, көздөгөн талаптарын орундатууга жетишет.

Аларды пир тутуп, чыдамдуу болууга дилгирленген жыйырма баладан акыры - төртөөбүз гана калдык...

Бизден коңшу айылдын балдары да сестенип турчу. "Каратэ менен машыгат" - деген сөз аларга жетсе керек. Балдардын өтүнүчү менен айрым көнүгүүлөрдү, ыкмаларды, каталарды көрсөтүп, ооздорун ачырганыбыз менен, бирөөгө тийишчү эмеспиз. Дердеңдегендерди, чоң сүйлөгөндөрдү, сынагысы келгендерди, албетте, аяганыбыз жок. Күчүбүздү сынап, жашы чоң, аскерден келип, көчөгө батпаган бойдоктор менен өтө көп мушташтык... Сагын аке: "Силерди элге кызмат кылсын, алсыздарды коргосун, кыз-кыркындарыбызды кордотпосун деп тарбияладым, эгер силерден кесек кеткенин билсем, таарынбагыла!" - дей турган.

Тренерибиз Анатолий Ким алгачкы жумалардан баштап, мага өзгөчө мамиле кыла баштады. Үч жыл машыккан группага кошту. Чынын айтсам, машыккан балдар шпагатка жакшы отурушуп, колу-буттары узун болгону менен, алсыз, кыймылдары начар экен. Күч да жок. Туруп берсең да уруп жыга алышпайт. Ошондуктан, алардын биринен да жеңилгеним жок. Төрт жолу спорттук клубдардын ортосунда кикбоксинг боюнча жолдоштук беттешүү болуп, төртөөндө тең финалда нокдаун менен жеңишке жетиштим... Эки жумадан кийин шаардын биринчилигин жеңип, өз салмагым боюнча шаардын чемпиону аталдым. Тренерим: "Кикбоксинг боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт, буюрса үмүтүбүз сенде!" - деп далымдан таптап жүрдү. Катар-катар келген ийгиликтер ого бетер шыктандырды. Окуум экинчи планда калып, бар убактымды, күчүмдү спортко корото баштадым...

Бир күнү "Балбандан" келсем, Мадина чыдамсыздана күтүп туруптур.

- Сени бир жигит эки сааттан бери издеп жатат.

- Эмне дейт?

- Жолугат элем дейт.

- Эч кимге силердин телефонду берген эмесмин. Кызык...

- Буларды бер, жууп берейин? - деди спорттук кийимдерим салынган сумкама ээк жаңсап.

- Өзүм жууп алам, ырахмат...

"Ким издеди экен?" - деген ойго алаксый чечинип жатсам, эшикти тыкылдатып Мадина кирди. Колунда жалтылдаган, күрөң түстүү - гитара. Көрөрүм менен делебем козголо түштү. Көптөн бери үн созбогонго ырдан алыстап бараткамын. Көңүлүм ачыла түштү.

- Кимдики?

- Сеники... Сатып алдым. Мамам ырдаганыңды уккусу келип жүрөт.

Гитаранын кол тие элек катуу кулактарын кычырата бурап жатып, Тампону эстедим.

- Ырахмат, айтмакчы классташтарың кандай жүрөт?

- Кимдер?

- Эрик, Тампо...

- Ээ-й, - ачуулана кол шилтеди, - Ит билеби? Жүрүшкөндүр... Эрик -Америкада, кабар жок.

- Кат жазбадыбы?

- Жалкоо. Эки ооз сөз жазганга мойну жар бербейт.

Ачуулана баштаганын көрүп, башка суроо узатпадым. Экөөнүн мамилеси Зинанын үйүндөгү отуруштан кийин солгундаган.

- Экөөңдү мен алыстаттым окшойт.

- Күнөө жок сенде... Акыры алыстамакпыз... Мамамы чакырам азыр!

Гитаранын аккорддуу кооз үнү чакан бөлмөгө көөлгүй тарала баштады... Көз алдыма ак мөңгүлүү аскалары көктү тиреген, жашыл көйнөк кийинген, түркүн түстөгү гүлдөрдүн жыты аңкыган туулган жер тартылды, түтүн жыттанган, иттеринин үнү басылбаган уюткулуу кыштагым түштү эсиме... Туулган жерди сагыныптырмын. Мынчалык дегдетээрин, саматып санаа тарттыраарын ойлобоптурмун. Киндик кан тамган жердин баа-баркын туюнуп отурдум...

Белгилүү обондун ыр саптары оозума кире калды...

...Апалар таңдан туруп уй сааганда,

Желге ойноп жыты келет саалган сүттүн...

II бөлүм

Күздүн сары жалбырактарын көчө бойлото кой сыяктуу айдактаган шамал, ары-бери өткөн адамдардын "токто" дегенсип этек-жеңдерин жулмалайт. Чуру-чуу түшкөн балдар дуулдаган шамалга да карабай төрт кабат мектептин тегерегинде куушуп-ойноп жүрүштү. Ушул мектептин жанынан өткөндү жакшы көрөм. Үйгө өтө жакын. Айланасына түрдүү бак-дарактар отургузулгандыктан ичинде кооздук да, тынчтык да бар...

Артымдан жет

е келген балдардын бири чыканагымдан булка тартып токтотту. Мен курактуу шаардык балдар: биринин ийнине түшкөн чачы ансамблдин солисттериникиндей саксаят, өңү купкуу, көздөрү бүтүк, экинчиси кайыш шапке кийген, көздөрү бакыракай, толугураак.

- Жоробек деген сенсиңби?

- Мен... Эмне болду?

- Сени менен Шоха жолуксам дейт.

- Шохаңар ким?

Эки бейтааныш бири-бирин табышмактуу карап коюшту.

- Эртең кечки саат жетиде "Ми- на" ресторанынан күтөт, - деди шапкачени оозундагы ширеңкенин талын өйдө-ылдый жылдырып.

- Коркпо, кеңеше турган кеп бар, - деп кошумчалады узун чач, - Бирок, бул тууралуу бир да бирөө билбесин, түшүндүң го дейм?

Экөө шарт бурулушту да, капыстан кандай пайда болсо, кайра ошондой бакка сиңип жок болуп кетишти. "Шоха" - жигулинин эң мыкты маркасы. Ал эми булар "Шоха" деп адамды атап жатышат. Кличка окшойт. Ким болду экен? Эмне үчүн мага жолуккусу келип жатат? Максаты эмне?" - деген суроолорго жооп табалбай ордумда кыйлага чейин катып турдум. Капысынан эсиме Эрмек түшөрү менен жүрөк бир булкуп алды... "Зинадан алыс жүр!" - деген Мадинанын сөзү кулагымда кайра-кайра кайталанып жатты. Башка бирөө-жарымы менен жаңжалдашып, кекенишип-кектешкен эмесмин. Демек, булар Эрмек менен байланышы бар балдар. Буга чейин СИЗОдон жакшы байланыша алышпай, качан гана түрмөгө түшүшкөн соң гана алардан менин дарек-дайынымды билишкен окшойт. Болду-болбоду Зинанын үйүн карамалап, аңдып жүрүшүп, менин кайда жашаарымды билип алышкан сыяктуу.

Зина жанына ар дайым сотовой телефон алып жүрө турган. Мен таежемдикине кирип, ага телефон чалдым...

Гүлдүү халат кийген ал үйүндө кооптоно күтүп отуруптур. Канткен менен адатынча эркелей кучактап, моюндарымдан "шуу-шуу" жыттап алган соң гана:

- Гроза Алексеевнанын лекциясына кирбей, телефон чалаарың менен үйдү көздөй "зуу" койбодумбу! Тынчылыкпы? - деди жалжылдай мени менен кошо жумшак диванга көчүк басып жатып.

- Кандай десем... Кыскасы, сырдашым, ишенгеним жалгыз сен болуп калбадыңбы, ошондуктан бир ишти кеңешпесем болбойт...

Ал ыраазы боло мойнума оролду. Анын мындай эркелиги мага майдай жага турган. Бир топко чейин өбүштүк. Алдыма жумшак отура калды да:

- "Акылкарачачтан" кандай акыл-кеңеш сурайын дедиң эле? - деп назик манжаларын кыбыратып эриндерим менен ойной баштады.

- "Шоха" деген атты уктуң беле?

Ал бардык кыймылын тык токтотту. Көзүмө алая карап калды.

- Шоха?

- Ооба.

- Ал сага кайдан жолугуп жүрөт?

- Эки жигитин жибериптир, эртең кечки саат жетиде "Ми-на" ресторанынан күтөт экен.

Зина алайган көздөрү менен чочулай карап туруп, алдымдан шарт тура калды да, терезеге барып ойлуу сүйөнүп калды. Эмнегедир эмирээктеги жароокер мүнөзү жоголуп, түнөрө түшкөн ага акырын басып бардым. Эки каруусунан кармадым. Былк этпеди. Табышмактуу тунжуроосу мени ойго салып, тынчсыздандырбай койгон жок.

- Зина?

Таңдана ийнинен тарттым, болбоду. Байкасам ичкерип ыйлап кириптир. Эмне үчүн? Капалантып алдымбы?

- Кой, кызыксың го, "жылан чакпай, жылкы теппей" туруп?

Өзүнө өлчөгөндөй тегизделип, куп жарашкан тармал чачтарынан сыладым. Ал ушуну гана күтүп тургансып бурулду да, кучагыма боюн таштап, өксүп ыйлап кирди... Чамасы, ишим "куржун" көрүнөт, болбосо Зина жөндөн-жөн мынчалык санаага батмак эмес. Ичимден тигилер менен жолугушууну өзүм деле каалабай тургамын. Шаң-шөкөттөрү, кабат-кабат кооз үйлөрү, күнү-түнү өчпөгөн чоң-чоң түркүн-түстөгү рекламалары жакканы менен криминалдуу дүйнөсү жүрөктү өйүгөн, бири-бирине бейтааныш, чоочун, мерез, кайдыгер сыяктанган адамдары менен көңүлгө тийген шаар турмушунун кезектеги сюрпризине кабылгым келбей жаткан...

- Корком, - деди Зина жаш толгон көздөрү менен тигиле карап.

- Эмнеден? Сага жүрөгү тоо, же өлүмгө башын байлаган келесоо гана тийишпесе...

- Мен жерге кирейин. Сенден корком... Абдан корком... Бардыгына мен бейбак күнөөлүүмүн... Азгырдым. Боө дүйнөңдөн бөлүп, баш-аламан турмушка азгырдым. Азыткымын... Шайтанмын. "Аял - шайтан, акыл-дос" дешкени чын, чын сөз...

- Мынчалык эмне болду?

- Шоха шаардагы "авторитеттердин" бири. Эрмек ошол Шоханын группасындамын дегенсиген. Ал тургай аны мени менен тааныштырам деп көп аракеттенди, бирок андай сунушка макул болгон жокмун. Атам үчүн чоң минус болмок. Менимче, ал идея Шохадан чыккан болуш керек...

Экөбүз тең унчукпай турдук. Демек, Шоха менен тамашалашууга болбойт экен. Эрмек менен мамилелеш, "шыралгалаш" экени анык болсо, анда мени менен сүйлөшө турган "сөзү" бар экени чын, же акча талап кылат, же оорураак иш тапшырат. Эгер бирди көрсөтө турган болсо, же көзүмдү тазалагысы келсе, "Ми-на" сыяктуу зоболосу бийик ресторанга чакырбайт болучу. Кыскасы, маанилүү бир иш бар...

- Эми өтө сак жүрүшүң керек.

- Коркпо, - анын көңүлүн көтөрүп, жылмайтып коюуну ойлодум, - коөндой - сак, бөкөндөй - күлүк, ташбакадай - бекем болом.

- Же, - Зина тамашамды этибарга албады, - Атама айтып телохранитель кошуп берейинби?

- Хе-хе, ашыкча кетпе. Мен эмне президенттин, же атактуу бизнесмендин баласы белем?

- Мен кайтартам, законго таяп иш кылабыз.

- Коркпогун, Зина, эч коркпо, эгер менде өчтөрү болсо, небак алышмак. Ресторанга жолугушууга чакыргандарына караганда кеңеше турган кептери бар көрүнөт, түшүндүңбү?

- Мисалы?

- Азырынча эмне, кандай нерсе, же иш сунуш кыларына башым жетпей турат.

- Сөзүңдүн чындыгы бар сыяктанат... Токто, токточу... Менде бир идея пайда болду. Бул ишти акырына чыгарам. Көңүл тынч болот...

Зина үмүт учкундарын көздөрүнөн чачырата карап калды.

ххх

Өткөндөгү жашы элүүлөргө барып калган акчач полковник менен кайрадан жүз көрүшүшкө туура келди. Менин алдымда кирген Зина аяш атасына чоо-жайды толук түшүндүргөн өңдөнөт, адатынча жайдары учурашкан соң, кимдир бирөөгө телефон чалды.

- Сен мага кирчи?

Көп өтпөй гражданча кийинген, отуз жаш курактагы, чап жаак өткүр көздөрү теше тиктеген кубакай жүздүү жигит турду босогодо. Полковник "сиз" деп кайрылганынан улам, жашы өткөн бирөө кирет го деп боолгологомун.

- Лейтенант Обозканов, - деди полковник аны биз менен тааныштырып, - Отур, лейтенант. Баягыл изин сууткан Шоха деген неме суудагы чамындыдай кайрадан калкып чыкты.

- Азыр шаарда бекен?

- Шаарга кайрылып келиптир. Жем жеген акырын сагынган көрүнөт. Шоханын өткөндө ишин сотко өткөргөн "Чөнтөкчүлөр" менен байланышы бар өңдөнөт...

- Кантип, жолдош полковник? Ал андай майда иштерге аралашпай калсын.

- Мүмкүн, жердештир, "чөп тамырынан, эл тамыры көп" деген, мүмкүн тууган болушар.

- Андай деп да ойлосо болот, ак ит, кара ит - баары бир ит.

- Та-ак, Шоханын тобу тарабынан жасалган иш деп, Коммунист көчөсүндөгү ломбард менен, кытайлык бизнесмендердин тонолгон үйүн шектенип жүргөнбүз, туурабы?

- Туура, бардыгы биригип 150 миң долларлык буюм-теримдерди тоноп кетишкен.

- Күбөлөр менен дале байланышып жатасыңарбы?

- Ооба, жолдош полковник.

- Та-ак, тиги "Чөнтөкчүлөрдү" колго түшүргөн жигит ушул, - Полковник мага сөөмөйүн кезей сүйлөдү, - Аты - Жоробек. Эртең кечки саат жетиде Шоха "Ми-на" ресторанынан күтмөк болуптур. "Чөнтөкчүлөрдүн" бири - Эрмек деген жигит, ал убагында Шоха менен байланышып жүргөнүн Зина кызым ырастап отурат. Жоробекте тигилердин өтө олуттуу сөзү болбосо, тигиндей абройлуу жерге чакырбайт эле.

- Туура айтасыз, жолдош полковник.

- Та-ак, сен эми өз группаңды даярда, жолугушууну баштан аяк видеокамерага тартып алышың керек. Ресторан ичиндеги ар бир киши унутулбасын. Касетаны жанагыл күбөлөргө көрсөтөбүз. Бирөө жарымын тааныган болсо, анда ишибиздин оңолуп, "итибиздин чөп жегени". Шоха жалгыз келбейт, демек күбөлөр бирөө жарымын таанып калышы мүмкүн. Жоробектин өмүрү үчүн керт башың менен жооп бересиң. Коопсуздугун камсыз кыл. Дагы, Шоханын артынан аңдуу уюштур. Утур-утур орун алмаштыргыдай болушсун. Анын кайсыл жерде жашарын билишибиз керек. Сен, Жоробек, алардын сунуштарын угуп көрүп, "ойлонуп көрөйүн" - деп айткын. Эмне кылышты чогуу кеңешебиз.

ххх

Ресторандын эшигинде түрдүү иномаркалар тизилип турат, бирок ары-бери баскан бирөө-жарым көзгө чалдыккан жок. Негедир кайсы бир туштан мага кимдир бирөө көз салып, байкалбай тиктеп тургандай сезилип жатты. Мүмкүн ресторандын катарындагы кабат үйлөрдө, же кызыл, көк, ак айнектери күңгүрт иномаркалардын ичинде жашырынып отуруп алып, караңгылатылган терезеси аркылуу үзүлө карап тургандыр...

Өткөндөгү шапкечен жигит төрдөгү аппак скатерть жабылган столду ээлеп жалгыз отуруптур. Калган столдор да бош эмес. Ал "кел бери" дегенсип колун көтөрүп койду. Залдын ичи абдан келишимдүү жасалгаланыптыр.

Шапкечендин аты Ганы экен. Колума менюну карматты.

- Танда.

Эзели жеп көрмөк турсун, атын укпаган тамактардын тизмесине көңүлсүз көз жүгүрттүм.

- Манту, анан чай.

- Болдубу?

- Жетет ошол.

Бизди татынакай орус кыз тейлеп жатты.

- Шоха келет дебедиң беле?

- ...

- Келбейби?

- Курсакты тойгуз - деди Ганы тоңдоосун, - Анан сүйлөшөбүз.

Тегерегимдегилерди байкатпай бир сыйра карап өттүм. Кимиси ички кызматтын балдары экенин ажыратып билип болбойт. Калжыңдаган масы отурат, кашка баш тазы отурат, байлыгына чиренген байы отурат, меңине чейин боөнгон кыз-келиндери да бар. Бирок, өзгөчө бир кооптондурган жагдайды байкаганым жок... Бардыгынын көңүлдөрү көтөрүңкү, шаңдуу. Музыканттар кайдагы бир классикалык романсты сыздатып жатышты. Чамасы, дардаңдаган, тастаңдаган бийчилердин доорону жүрө турган саат жакындай элек окшойт. Бийдин кызыгы ичке эки жүз грамм киргенден кийин башталат эмеспи.

Арадан жарым сааттай убакыт өтүп, алды-алдыбыздагы тамактар желип бүтүп калган соң, арык, чачтарын ак аралаган кичинекей киши салам айтып басып келди. Таңдоосун, чалпоо сезилген Ганы илбериңки тура калып, ал кишиге жанындагы столду жылдырды.

- Мен Шохадан келдим... Их...

Чөнтөгүнөн кочкул күрөң түстөгү мүштөк алып чыкты да, үйлөп-үйлөп ичин тазалаган соң, көзөнөгүнө филтирсиз "Полет" киргизип, ырахаттана чегип кирди. Кыймыл-аракети, жүрүш-турушу, жасаган иши тыкан киши көрүнөт. Оң жагында моюн ылдый кеткен узун тырык бар экен. Ичине жоон зым салып, атайылап бөлтөйтө тиктирип койгондой...

- Хасан байке десең боло берет. Кана, Ганыпаңсат, эмне тамак жедиңер?

- Манту...

- Хе,хе... Белинде күчү, билегинде каруусу бар силердей жигиттер бешбармак жеш керек, же казактардын гүлчөтайын жейлиби? Кайра заказ бер!

- Ырахмат, Хасан аке, мен тойдум.

- Студент ток болбойт, бүгүн каалаганыңа заказ бер, "студенттин бир тойгону орто байыганы". Анын үстүнө сен биздин мейманыбызсың. "Конок койдон жоош" - дечү беле кыргыздар? Тынч отура бер, иним. Официант! -Ганыга кайрылды, - Кызбы, жигитпи?

- Кыз.

- Официантка!

Столубуз заматта түркүн даамга толуп кетти. Алма, жүзүм, икра, грузин виносу...

Балтилдүү Хасан байке бешбармакты мактап жатып түгөттүргөнү менен манаттай кызарган грузин виносун кыстабады.

- Туура кыласың. Спортсмендин ичкенин жактыра бербейм... Чак Норрис француз виносунан татып коөт имиш... Белгилүү спортсмен болгондон көрө, бай спортсмен болгон жакшы. Чак - белгилүү да, бай да спортсмен. Каратэ боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиондугун жеңип алган...

Ганы экөөбүз кока-кола ичип отурдук.

- Акча таба турган заман келди. Жарыбагандардын баары - жалкоолор. Мына сен, Жоробек, бир заматта 3 же 5 миң доллар тапкың келеби?

- Келет... Кантип?

- Ак эмгегиң, маңдай териң менен. Уурулук кылбайсың, бирөө жарымын тонобойсуң.

- Бизнес жасаш керекпи?

- Албетте, бирок анын түрү көп. Ошонун ичинен өзүңө жакканын, колуңдан келгенин ылгап алышың керек.

Хасан байке алдындагы сабы узун бокалдагы винодон татып коюп, мени сырдуу карап турду.

- Спорттук мелдештердин артында чоң суммада акча болот.

"Кантип?" - деген суроону ооз учумдан араң карманып калдым.

- Гонконг, Таиланд, Америкадагы жашыруун өткөрүлүүчү жапайы ринг Орто Азияга да ооп келди. Өз эрежеси бар. Мушташуунун бардык ыкмасы пайдаланылат. Курал да колдонууга болот, ал үчүн мелдешкен эки тараптын макулдашуусу гана керек. Бул жолку беттешүү Алма-Атада болот.

- Кимдер беттешет?

- Кореец - Жи Шан менен сен...

- Менби? - чочуп кеттим.

- Эмнеге коркосуң? Ал сендей эле мушташат. Сенден бою 10 сантиметр кыска, салмагы - 13 килограмм жеңил. Айырмасы 4 жапайы рингте беттешип, акыркы 3 оюнун жеңген Жи Шандын рингдеги оюну тартылган видео тасманы көрдүм. Таэквандо менен машыгыптыр. Буту менен жакшы иштейт. Өтө шамдагай. Өжөр. Угушубузга караганда сол көзү начар көрөт. Трамва алган... Биздин тренерлер сенин кандидатураңды сунуш кылышты.

- Мени али эч ким билбейт.

- Ошон үчүн тандадык. Сен тууралуу аларда маалымат жок. Атагы чыкпаган бирөө турбайбы дешет да ортого көп акча сайышат. Андан дагы - сен качырганынан кайра тартпаган тоонун бүркүтүсүң. Коркуп, зака жеп, жүрөгүң өлүп көргөн эмес. Бизге ушул жагы өтө маанилүү.

- Жеңилсемчи?

- Жеңилбейсиң! Рингдеги мушташыңды көргөмүн...

- Кы-зы-ык.

- Азыркы тренериң Анатолий Ким - менин эзелтен берки досум. Оңойлук менен спортсмен жакчу эмес... Айтмакчы, Эрмектер дагы көчө мушташына бышкан балдар эле, сен аларды кошоктоп сабабадыңбы, хе, хе... Чектен чыгып кетишкен... Бир жагынан аларга туура болду.

Унчукпай отуруп калдык. Жи Шан менен беттешким келип турду. Жеңсем -үй, машина, акча болот. Апама акча жөнөтөм...

- У-шу, каратэ, жиу-житсу сыяктуу Азия тургай дүйнө жүзүн таңдандырган мушташ өнөрүнүн башаты - Индия. Бул тууралуу көптөрү биле беришпейт. Индиялык миссионер Бодхидхарма Кытайга буддизм менен кошо кармашуу өнөрүнүн жашыруун ыкмаларын тараткан...

Сырттан каратору, чоң көздөрү өткүр жигит кирип, Хасан байкени карап калды. Хасан байке шарт сөзүн токтотуп:

- Анда, Жоробек мырза, үч күн убакыт беребиз, ойлон. Келишимди өтө жашыруун түзөбүз. Эч ким билбесин, - деди да, ордунан кошо турган Ганыга, - Ганы?

Ал стол үстүнө 100 доллар калтырды.

- Сага... Жакшы машыгып, күчтүү тамактарды жеп, мыкты спорттук кийимдерди сатып ал, стол үчүн - төлөнгөн. Сен шашпай чыккын...

Алар чыгып кетери менен, сырттан Зина кирип келди.

- Чыдабадым... Бир жарым саат жоголбодуңбу?

- Бекер келиптирсиң. Сөзүбүз толук бүтпөй калды...

- Коркот экен киши. Булар менен ал жетсе байланышпаш керек. Сөзсүз ыңгайсыз акыбалда калтырышат. Баары бир коркунучтуу. Сен коркподуңбу?

- Эч нерсе сезгеним жок. Кел эми, отур.

Жаныбызга официантка басып келди да, стол үстүн жыйыштырып жатып:

- Сен эмнеге келдиң, бийкеч?.. Шектенип калышты. Артыңардан аңдышат, ошон үчүн шашпай чыккыла. Биз байланышка өзүбүз чыгабыз... Мүмкүн, коко-кола ичерсиңер? - деп аңкайып калган мага суроосун кайра кайталады.

- Коко-колабы же чайбы?

- Сулуу кызга бешбармак алып келиңизчи, - деп стол үстүндөгү долларды жылдырдым.

- Шоха бердиби?

- Хасан.

- Бүттү, сени тузактарына илишиптир, - деди кабатырлана.

- Корко турган эч нерсеси жок. Болгону бирөө менен мушташып бер дешти.

- Мушташпы?!

- Ооба, рингде...

Зина элейген бойдон туруп калды...

ххх

Эртеси лекцияга жөнөп жатсам Обозканов телефон чалды.

- Жоробек, корккон жоксуңбу?

- Эмнеге коркмок элем...

- Жакшы, абдан жакшы. Сен эми Хасан байкеңдин сунушуна макул бол. Анткени, криминалдуу бир топ чоң иштин бети ачылганы турат... Ойлонуп көр. Биз сени кыстап, мажбурлай албайбыз. Бирок, коопсуздугуңду сөзсүз камсыз кылабыз...

- Кийин мага өчөшүп калышпайбы?

- Алардан баарын күтүүгө болот, ошон үчүн Шоханын изине сен аркылуу чыкканыбызды билбегендей кылышыбыз керек.

- Ошондой болсо жакшы болот эле...

- Биринчи, Зина менен болгон мамилеңди үз, жолугушууну токтот.

- Кантип?

- Убактылуу. Телефон чалып турасың. Эгер Зина кимдин кызы экенин билишсе, алар сага караанын да көрсөтпөйт, түшүндүңбү? Экинчи, студенттик жатаканада жаша, байланышууга жеңил болот.

- Таежем көнбөйт го?

- Көндүр, башка чарабыз жок... Кандай дейсиң?

- Макул анда.

- Коркпо, биздин жигиттер ар дайым кабар алып турат. Курсташтарың филфактын кайсыл жатаканасында.

- Тогузунчу.

- Түштөн кийин N 9-жатакананын комендантына жолуккун. Комната даярдатып коөбуз.

Ошентип, айдан-айга секирген таежемди эпке келтирген соң, күлкү менен ыр-чоор басылбаган түн ортосуна чейин шарак-шурагы тынчыбаган студенттик жатаканада жашап калдым.

ххх

Кезектеги машыгуудан соң, "Балбандан" чыгып, Нурбек, Буркан үчөөбүз жатаканага жетип алыш үчүн аялдаманы көздөй бастык. Бир кара түстөгү жалтыраган мерседес бизден өтүп барып токтоду да, шоопуру сыртка чыкты.

- Хасан байке силерди жеткирип коөлу дейт.

Балдар мени карап калышты.

- Кеттик.

Хасан байке арткы орундукта чалкалай отуруптур. Колунда өткөндөгү күрөң мүштөгү.

- Жоробек мырза, бу жигиттер досторуң болобу?

- Бирге окуйбуз, чогуу машыгабыз.

- Дурус, дурус...

Жатаканага жетип, Нурбектерди түшүргөн соң, шаардын кызыл-тазыл жазууларга толгон көчөсүндө зуулдап бараткан мерседес Сокулукту көздөй, андан өткөн соң, тоо тарапка бет алды. Хасандын өткөндөгү жансакчыларысыз келгенине караганда, көңүлү ток, жүгүрүп жаткан иши дурус көрүнөт. Жансакчыларын да тез-тез алмаштырып турганына караганда, бирөөлөргө көп ишене бербейт шекилдүү.

Төө-Ашуунун чокулары көрүндү.

- Жоробек мырза, ортодо төрт күн өтүп кетти... Алма-Атадан кеч кайтып калдык. Кана, чечкиндүү жигит көрүндүң эле, кандай чечим кабыл алдың?

- Мен даярмын, Хасан аке.

- Мунуң анык мырза жигиттин сөзү болду. Биз да ушундай болот го деп күттүк эле... Быйыл жыл жаан-чачындуу болбойт, - деди муштегин канааттана соруп.

- Кайдан билдиңиз?

- Синоптиктерден... Биздин иште ийне-жибине чейин эсепке алууга туура келет. Машинаны токтот, тиги чоң таштан өтүп... Ылдый каратып буруп кой, - деди шоопурга.

Сыртка чыктык.

- Бардачокту карасаң "Фанта", колбаса, булочка бар...

Көтөрүнүп алып, корум таштарды аралаганча өр таяна бастык.

- Бул жерде балачагым өткөн, Жоробек мырза. Тиги кырдын ары-ы жагында колхоздун сарайы боло турган. Атам кой бакчуу. Апам - казак кызы. "Төркүнүмө барчумун" - деп кетип үч-төрт айда араң келер эле... Караңгы тамда үңкүйүп атам экөөбүз калчубуз. Жетинбеген турмушта өстүм. Атам инфарктан өлдү, апам төркүнү жактан тез эле бирөөнүн этегин кармап кетти. Анан интернаттык турмуш башталды. Сенин атаң барбы?

- Жок... Үч жыл болду көзү өткөнүнө...

- Апаңчы?

- Иним менен карындашымды багып, үйдө.

- Азамат аял экен. Менин апам ошондой болгондо барбы! Этегине намаз окубайт белем. Ач "Фантаны"... Бул жерге көп келем... Тынч. Ойлонууга да, сүйлөшүүгө да ыңгайлуу...

Хасан ташка көчүк басты. Биз келген булуңдан шарт чыга калган жеңил машиненин кош жарыгы борчук таштуу беттерди бир сыйра сыйпап өттү да, ылдамдыгын акырындатып, ылдый бурулуп жаткан биздин мерседести "та-та-та..." - дедире татыратып автомат менен атып өттү. Тоо-таштын баары жаңырып жатып калды.

- Жат!

Селтең этип тура калган мени этектен жыга тарткан Хасан таштын түбүнө ыктады. Өтө түшүп барып "кый-ч-ч" эттире катуу тормоз баскан ак иномарка чукул бурулду да, кайра мерседеске жакындады. Жанымдагы Хасан керилип туруп бир нерсе ыргытты да, делдейген мени далдоологончо жыгылды.

"Тар-рак" эткен жарылуу жерди "солк" эттиргенсиди. Граната ыргытыптыр. Башымды көтөрсөм жалбырттап күйгөн иномарка кыйгачтап барып, кургуйга кулап түштү...

Биз биринчи мерседести көздөй жүгүрдүк. Автоматтын огу күңгүрттөнгөн эшиктердин айнектерин калбыр кылып таштаптыр. Лобовойдун үч-төрт жерин ок тешкен. Хасан алдыңкы эшикти ачаары менен шоопур "шалак" этип жерге кулап түштү. Небак жанбериптир. Ошол замат күйүп жаткан иномарканы карай чуркадык. Хасандын колунда сороюп пистолет жүрөт.

Кургуйга кулаган машинанын арткы эшигинен бирөө сүйрөлө жылып чыгып келе жатыптыр. Тигини ийинден ныгыра баскан Хасан ызаалуу барк этти.

- Ким жиберди?

- Оо-ой, оо-ов...

- Акбарбы?

- Оо-оо...

Онтоо аралаш кыңкылдаган тиги бир сөз сүйлөөгө жарабады.

- Акбар жибердиби?

- О-ооба... оо-о...

- Сен тигиндей барып тургун! - деди жинденген Хасан оттуу көздөрү менен жалт карап. Кабинада дагы бирөөнүн денеси отко чулганып, кыймылсыз жатты.

Күтүлбөгөн окуядан улам денемди нестик каптап, "жүр" деген жакка жүрүп, "бар" деген жакка бара бердим. Артымдан эки жолу "тып-тып" этип атылган глушителдүү пистолеттин алсыз доошу угулду...

Жолдун кырына чыга бергенимде:

- Эй, эмне болуп кетти? - деп чоочун жигит турат. Капысынан пайда болгон немеге кандай жооп айтаарымды билбей калдым.

- Авария.

- Көрүп турам авари...и... - деген жигит сөзүн бүтпөй кетенчиктей берип, качып, төш таянды. Мурдагы кейпин, токтоолугун таптакыр жоготкон Хасан шамдагайлык менен жанымдан чуркап өттү. Чоочун жигиттин качып жөнөгөнүнүн себеби бар экен. Ал Хасандын колундагы куралды көрүп калыптыр. Төш таяна берген тигини жандата бир аткан Хасан:

- Бери түш, бейажал өлгүң келбейби?! Түш бери! - деди.

Көз жазгырышка мүмкүн эмес болучу. Чындап дагы кача турган болсо, оңой гана тоголото атмак. Жолдун бир жак четинде светтери өчүрүлбөгөн ЗИЛ-31 токтоп турат. Жигит чочулай караган калыбында төштөн түштү. Жаш болсо да, чөмпөйтүп курсак салып алыптыр. Кичине чуркап койгонго демигип, өпкөсү ийин кагат.

- Канча балаң бар?

- Бешөө, байке... Ата-энем кары эле...

- Жашагың келсе, "тилиңди тишиңе катып" жүр, бизди көргөн жоксуң. Эгер бир нерсе болсо ЗИЛиңдин номери аркылуу жерден чукуп да болсун табабыз. Жөнөгүн тез!

- Айланайын байке, ырахмат!

...Айнектери тешилгени менен, калган тетиктери соо калган мерседесте кайтып келе жаттык. Денем калтырайт. Оюм туман... Булар менен иштешүү коркунучтуу. Катаалдык менен күн кечиришет. Бекер аралашыптырмын. Анын үстүнө бала болуп башыма жүн чыкканы өлгөн кишини көргөн эмесмин. Арткы орундуктагы шоопурдун узатасынан жаткан денесине көз кыйыгымды жибердим...

- Акбардын иши, - деди Хасан түнөргөн калыбынан жазбай.

- Ким болот?

- Өчөшкөн бирөө...

Башка сүйлөгүсү келбей түнөрдү.

- Сөөктү эмне кылабыз?

- Таштоого болбойт. Көп жыл чогуу иштешкенбиз.

Чөнтөгүнөн сотовоюн алып чыкты да, белгисиз бирөөгө жагдайды туюк түшүндүрдү. Аны менен жолугушар жерди белгилеген соң, мага кайрылды:

- Гонарарың - 3 миң доллар. Эки ай убакыт бар. Ага чейин Анатолий Ким сени жеке машыктырат. Сопернигиң жөнүндөгү видеокассета анын колунда. Мыкты ыкмаларына жараша коргонуучу ыкмаларды үйрөтөт. Алсыз жагын анализдейт. Түшүнүктүүбү?

- Түшүндүм...

- Бүгүнкү окуя тууралуу эстебе. Төш таяна бергенибиз абийир болуптур, болбосо экөөбүздүн тең денебиз калбыр болуп, Серенин катарында жатмакпыз.

- Сереңиз ким?

- Шоопурумду айтам...

Серенин башына жаңылган октун изи, кабинага чачылган мээси көз алдыма тартыла түшөрү менен, денем дагы бир ирет дүркүрөп алды.

Үрөй учурган өлүм коркунучу жандап өткөн колоттон суурулуп, борбордук трассага жакындадык. Бизди эки жалтылдаган иномаркалар күтүп туруптур.

Алардын бирине мени отургузган Хасан рулдагы жигитке:

- Айткан жатаканасына жеткирип, тез кайт! - деди да, мага кайрылды, -Сени "Балбандан" табабыз...

ххх

- Медитация менен машыгасыңбы? - деди тренерим Анатолий Ким анын чакан кабинетине кирип, дивандан орун алган соң.

- Жок...

Дубал беттери дүйнө жүзүндөгү белгилүү спортсмендердин сүрөттөрүнө жык толгон. Гитин Фунакоси, Морихэи Уэсиба, Эд Паркер, Брюс Лилер башкалардан айырмаланып турду. Чыгыштын мушташ өнөрүнүн негиздөөчүлөрү менен мастерлери тууралуу көп окудум.

- Мен теория түрүндө билем. Индиядан байыркы Кытайга жайылган соң, түк тажабай медитация жасоо кытайлыктарды болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жеткирген. Кытайча организмдин энергиялуу борборун - "дан-тян" дейт, эгер аны медитациялык ыкма менен башкарууга үйрөнсөң, эң жогорку мастерликтин дарбазасы ачык деп эсептей бер.

- Өзүңүз медитацияга эмне үчүн көңүл бурган жоксуз?

- Шарт болбоду, себеби көнүгүү шум, ызы-чуусу жок, тыптынч жерде өткөрүлүшү керек. Биз жети-сегиз киши эки бөлмөлүү квартирада жашоочубуз. Бош бөлмө жок. Бирөө телевизор көрөт, экинчиси телефон менен сүйлөшөт, кичинеси ыйлайт... Бирок, сага берер кеңешим -медитацияга сөзсүз көңүл бур, анткени сен перспективасы бар баласың...

- Рахмат, аракет кылайын.

- Сопернигиң Жи Шандын рингдеги мушташын көрдүм. Таэквандо - буттун техникасын кеңири пайдалануучу кармашуу өнөрү. Бут менен жакшы иштейт экен. Дзион, эмпи, хангэтуу каталарын эффективдүү пайдаланат. Шамалдай шуулдаган, жеңил спортсмен экен, бирок урганынын да, тепкенинин да жыйынтыгы натыйжа бербеди. Упай менен гана утту. Бишкектин биринчилигин жеңип алгандагы мушташың менен салыштырып көрдүм. Сенде артыкчылык көп...

- Мени ким тартып алды эле?

- Хасан суранганынан, мен заказ бергемин.

- Экөөнү тең көрсөм болобу?

- Албетте. Эртең кечки саат алтыларда үйүмө өт. Ме, дарек-дайным толук жазылган, - деп визиткасын сунду.

- Жи Шан менен беттешсе болобу?

- Болот. Сенин кабырга сындырган соккуларыңа туш келсе барбы! Анда Жи Шан шамдай шарт өчөт... Денең темирдей катуу, кээ бир ударларды чымын чакканчалык көрбөйсүң. Жи Шандын бутасы - баш. Сен бетиңди абдан мыкты коргойсуң, демек корко турган жөнүң жок.

- Сиз да барасызбы?

- Хе-хе... Машыктыруучусу жок боец болмок беле? Албетте, барам. Кыскасы, Хасан убада берип жүрөт, көрөбүз. Чындыгында Хасан - азамат! Билбегени жок. Кыргызстанда кикбоксинг, каратэ боюнча эл аралык мелдештерди биринчилерден болуп уюштурган. Ага чейин көмүскө жерлерде, жашыруун подвалдарда машыгып, ачыкка чыгуудан тайсалдап жүрчүбүз. Билесиң бардыгына чек койгон заман эмес беле...

Кара кимоно кийген Морихэи Уэсибанын сүрөтүн кызыга карап калдым.

- Ал - Уэсиба, айкидонун негиздөөчүсү.

- Китептен окугамын.

- Айкидо - коргонуунун искусствосун үйрөтөт. Сен, Жоробек, Стивен Сигал деген киноактөрду билсең керек?

- Ооба, билем.

- Ал Уэсибанын окуучусу болот. Таңкалыштуусу Уэсиба окуучуларын аярлыкка чакырып, эң айласыз жагдайга кабылган учурда гана чабуулга өтүүгө үйрөткөн. Ал эми Сигал кинодо тез чабуулга өтүп, орой техникаларды пайдаланат, кол, бут сындырмай сыяктуу эпизоддор өтө көп. Натыйжада, экран аркылуу айкидого көпчүлүктүн тетири ой-пикирин жаратып таштады. Чындыгында айкидо коргонуунун эң мыкты ыкмаларын үйрөткөн, кары-жаш бирдей машыкса боло турган спорттун түрү.

- Айкидону дүйнөгө Сигал реклама кылды дешкендерге кандай карайсыз?

- Анысы туура, танууга болбойт, бирок, мен айкидонун негизги максатын көрүүчүлөргө түшүндүрүлүшүн каалар элем. Айкидо ден-соолукту чыңдайт. Мисалы, Уэсиба 80ге чыккан. Жашында көп ооруган. Көрдүңбү спорттун күчүн? Сексенге чыкканда да окуучуларына каалаган учурда келип, кол сала берүүсүн өтүнгөн, бирок бири дагы сөөмөйүн тийгизүүгө үлгүрбөй ыргыган...

- Эрктүү киши турбайбы.

- Кыскасы, бүгүн чарчадык. Сен эртең үйгө келишти унутпа. Кассеталарды көрөбүз, талдайбыз.

- Сөзсүз барам!

Тренерим кыйчылдаган сары жигулиси менен жатаканага жеткирип койду. Мени жакшы жаңылык күтүп туруптур. Таежем, Мадина экөө келген экен. Нурбектин эрте кете бергени жакшы болуптур, меймандарды чай менен сыйлап жатыптыр.

- Карачы, дагы кечигип, азып-тозуп, арыктап! - деди таежем мени өбүш үчүн эңкейип жатып, - Таштачы тренировкаңды, ботом. Бул кебете-кешпириңди эжем көрсө менин кактабай канымды алат!..

Таежем жөн, куру кол келбептир - бир койдун этинин жарымын бышырып, жарымын чийки алып келген экен. Ага - төшөк, шейшеп, тапочка, саат, шыпыргы, термос, идиш-аяк сыяктууларды кошуптур. Бөлмөбүз байый түштү. Мадина аларды орду-ордуна жайгаштырып, бөлмө ичин иреттегенге үлгүрүптүр. Ичимден кубанып турдум. Аял кишинин колу тийген жер жаркырай түшөт эмеспи.

Эт жеш үчүн чогулган группалаш балдар бир укмуштай жасанып келген Мадинага суктанышып, ачкан ооздорун жабалбай калышты.

ххх

Лейтенант Обозкановдон келген Абыл деген жигит экөөбүз ээрчише басып, жатакананын балконуна чыктык. Бул жер тынч, караңгы, бирөө жарымы көрбөйт...

Кабат үйлөр терезелеринен кыдырата жарык чачып, тынч океанда жай сүзүп бараткан чоң кемеге окшойт. Кеч күздүн маалы бүтүп, кыштын алгачкы айы аяктап калса дагы, эмнегедир сампарлап кар жаай элек...

- Кандайсың, Хасан кабарлашып жатабы?

- Кабарлашмак турсун бир иномарканы чогуу жардырдык...

Ал элейе карап калды да, оозундагы тамекисин колунан ала койду.

- Токточу, сен алар менен разборкаларга катыша баштадыңбы?

- Катышпаган чарам кайсы? Коопсуздугумду коргогон кишилер корголоп үйлөрүндө отурса, айла жок, тигилердин бас деген жагына басып, тур деген жагына туруп жатам...

- Туура... Биз үч-төрт күндөн бери бир рецидивистти колго түшүрөбүз деп жүрүп сенден кабар ала албадык. Анын үстүнө бензинди ченеп берет, кылмыш, - кекиртегин мууздап көрсөттү, - колкодон. Мингендери желжетпес иномаркалар, качса - кутулушат. Айтмакчы, иномарканы каерден жардырдыңар?

- Төө-Ашууга бараткан капчыгайдан.

- Демек, "Фиат" силер колдуу болгон турбайбы?

- Маркасын ажырата албадым, иши кылып чет өлкөнүн машинасы болчу...

- "Фиат"... Эки кишинин сөөгү бар экен. Бир автомат, бир тапанча чыкты... Силер кантип аман калдыңар?

- Биз төш жөлөнө берип, "Фанта" ичиш үчүн корум таштардын арасына отура кеттик эле, ошол учурда бурчтан "Фиат" чыга калды да, автомат менен атып өттү. Биздин "мерседес" артка бурулуп жаткан. Хасан граната ыргытты...

Ошол учурда төмөндөн:

- Жар-кы-ын! - деген эркектин жоон үнү угулду.

- Жа-аркы-ын!...

Абыл экөбүз үндөбөй калдык. Тигил Жаркынына келген жигитке эч ким жооп берген жок.

- Хасандын колунда сумкасы бар беле?

- Жок эле...

- Гранатаны кайдан алып чыкты?

- Чөнтөгүнөн... Пистолети да жүрөт, глушители менен...

- Тишине чейин куралданган неме го... Деги, тигилер кимдер экенин айттыбы?

- Акбар деген жибериптир...

- Дагы бир фигура чыга калды, ал ким экен?

- Айтпады. Өчөшкөн бирөө деп койду.

Төмөндөгү жигит дагы үн созду.

- Жаркы-ын?!

Эч ким жооп бербеген соң, соксоюп тура бергенден жададыбы, айтор, жатакананы жал-жал карап коюп, келген жолуна түштү...

- Ажалың жок экен, Жоробек. Эми сак болбосоң болбойт. Артыңардан ошончо жерге чейин аңдып барышканына караганда Хасанда катуу өчтөрү бар. Сен жөнүндө аларда толук досье болушу да ыктымал. Кызык, булардын ортосунда эмне талаш бар? Мүмкүн, регионалдык авторитеттик орун болуп жүрбөсүн? Акча чөнтөккө кумдай куюлуп турган жер кимди кызыктырбасын.

- Хасан койчунун баласы турбайбы...

- Жанын жейт. Өлүмүш боло беришет. Көзүңө - бечара, байкуш же солидный, громматный көрүнө билишет, а жасагандарынын жыйынтыгы -каразгөйлүк, афөрлук, кылмыш... Мелдеш качан болорун айттыбы?

- Эки айдан кийин.

- Бизде жапайы рингдер тууралуу маалымат жок. Эгер уюштурулуп калса, ортодо өтө көп акча болот. Кеп ошол акча контракт менен иштеген спорттук клубдардын ортосундагы закондуу акчабы же салыктан жашырынып иштеген криминалдуу чөйрөнүкүбү? Ушуну такташыбыз зарыл. Сага канчасын убада кылышты.

- 3 миң доллар.

- О-оо, булар убадага март келишет... Ырас эле, Ганы- өткөндөгү "Ми-нада" чогуу отурганчы, Коммунист көчөсүндөгү ломбардды тоноого катышыптыр. Күбөлөр видеокассетадан дароо таанышты.

- Кармадыңарбы?

- Азыр кармоого болбойт, себеби "Ринг" операциясына зыянын тийгизиши мүмкүн. Кыскача ушул. Мен эми кетейин, сен жакшы кал, дагы кайталайм - сак бол!

Абыл күңгүрт жарык чачкан коридор менен шыпылдай басып баратты. Мойну жоон, бүкүр, дардайган келбетине карап туруп борьба менен машыкса керек деп ойлоп койдум.

ххх

...Керебетте

жатып, азыркы күндө аралашып, башымдан кечирип жаткан окуяларды адатымча четинен анализдей баштадым...

Демек, ички иштер бөлүмүнүн мени такай көзөмөлгө алып жүрүүгө азырынча убактысы жок. Иштери чачтарынан көп. Качан гана окуя чегине жеткенде жапырт жетип келишери бышык дечи, бирок ага чейин ар кандай кокустуктар болбойт деп айтууга болобу? Жок, Төө-Ашуу мага чоң сабак болду. Хасанга машыгуудан алаксытып, ары-бери сүдүрөгөнүңөрдү токтоткула деп талап коюшум керек. Айтмакчы, ал Шоха менен мени качан жолугуштурат? Азыр жолугуунун кереги барбы? Азырынча жок. Ал эми Обозкановдор анын изине Хасан аркылуу оңой чыкканы калышты... Деги ушул иштин аягы жакшылык менен бүтсө болду. Бирок, Шохалардын былыктарынын бети ачылса, Жи-Шан менен беттешпей каламбы? Анда 3000 доллардан кол жууйумбу? Кантип эле?.. Анда эмитен бул оюндан чыгып кетсе болобу? Жөн чыгара коюшпайт, биринчи контракттагы гонорарды көбөйтүшөт, ага да карабасам анда экинчи жолу бар - коркутуп-үркүтүшөт... Мына деп окууга да, шаарга да кол шилтеп айылга кетип калсамчы? Кара көз Мадина менен жароокер Зина кантет?..

Көзүмдү ачсам Нурбек мени эңкейе тиктеп туруптур.

- Ойгосуңбу?

- Эмне болду?

- Уктап жатат дейин десем бир нерселерди кобурагансыйсың... Эмпи катасын качан үйрөтөсүң?

- Бар дагы. Физический начар болуп жатасың.

- Айрым элементтерин үйрөтө берчи?

- Али эрте.

Нурбек бөлмө ичинде ар түрдүү көнүгүүлөрдү жасап жатып, тык токтоп калды. Карасам керебетимдин үстүндөгү Жан-Клод Ван Даммдын сүрөтүнө үңүлө карап туруптур. Мадина өткөндө көтөрө келген.

- Мадина чырактай кыз экен!

- Жагып калдыбы?

- Суйсалат го, чиркин, суйсалат! Уялып отуруп, эт жебей калдым.

- Таанышып албадыңарбы, эми кезек сеники. Дискоклубдарга чакыр, же концерттердин бирине...

- Ээ, Жоробек досум, ошону ойлобой жатат дейсиңби, ойлодум. Кендирди кесип, азыр чөнтөк жука болуп жатпайбы!

- Иште...

- Каякка? Кароолчу болуп балабакчагабы? Алар чалдардан артпай калган...

- Базарга чык.

- Эмне сатмак элем?

- Чочко.

- Чоч-ко?

Досумдун көздөрү алая түштү.

- Ооба, курх-х, курх-х, эткен чочко.

- Ким сатат экен?

- Мен...

- Койчу тамашаңды, сен чочко сатасыңбы?

- Сатам. Ишемби күндөрү малбазарга барып жүрбөйүмбү.

- Кимдин чочкосу?

- Мадиналардын.

- Эмне-е?.. Мадинанын атасы чочко багабы?

- Багат. Торопоюн жеген кызын көрбөдүңбү, сулуу...

- Атасын сен министр дебедиң беле?

- Дегемин.

- Анан чочко да багабы?

- Бактырат.

- Бли-ин, биздин чоңдор эмне болушкан, ыя, тиричилиги өтпөй калса да...

- Ишемби күнү таң атпай мага машине келет. Дачага чогуу барабыз. Шланга менен торопойлорду жууйбуз.

- Колубуз мененби?

- Сен бутуң менен жуу.

- Бале-е ба-ас, анан?

- Малбазарга алып барып четинен сатабыз.

- Сен, Жоробек досум, кууланып, мени шакаба чегип жатасың? Же чыныңбы?

- Карганайымбы?

- Карган, болбосо ишенбейм...

- Калп болсо тилим тешилсин.

- Ба-ле-ке-ет, чын турбайбы! А кантип сатасың?

- "Жаш топик, семиз топик алгыла" деп кучакка бекем кысып алып, кыйкырып туруш керек.

- Топигиң эмне?

- Торопой да...

- Э-эй, жинди кыласың го кишини?

- Мен соо эле жүрбөйүмбү?

- Болуптур, болуптур, акча таптык дейли, Мадинаны кайда чакырам?

- Базарга.

- Базарда эмне бар?

- Сала.

- Сала? Аны эмне кылам?

- Мадина жакшы көрөт.

Кунтун коюп, бөлөм тууралуу толук билишти каалап, жаш баладай делдейе түшкөн Нурбектин түрүн көрүп "баа" деп каткырып жибердим...

- Жоробек, кайнатаң колдоп турса жаманбы? Тез өсөсүң... - деди бир топтон соң.

Нубектен мындай сөз чыгат деп күтпөгөнмүн.

- Демек, мансапка Мадина аркылуу жетким бар дечи?

- Андай деле эмес... Эми айтып койдум да.

Ошо менен бул темада сөз козгобой калдык.

ххх

Амангүл деген группалашым туулган күнүнө чакырды. Жатаканада жашасаң группалаш, курсташтарыңдын даам-тузуна аралашып, ар кыл окуяларына күбө болуп, жакындан билип калат экенсиң...

Стол үстү алга жараша жасалгаланыптыр. Өткөндөгү чоңдордун балдары жесе жеп, жебесе тиктеп да койбогон импорт тамактардын бири жок. Дасторкондо арзан конфеттер, сабиз, капуста салаттар, бөлкөнүн кесиндилери турду. "Томп" этип ачылышын, кыя-кыя кесилишин күткөн шампан менен кичинекей торт гана стол үстүн көркүнө чыгарбаса...

Күткөн шампан атылды, торт кесилди. Каалоо сөздөрдү каалагандай жаадырдык. Баарынын көңүлүн гитарам экөөбүз бөлүп, жаштыктын жалындуу ырларын жандандырып жибердик. Группалаштарым четинен ырдашат экен. Жарышып ырдап, жатакананы башыбызга көтөрүп кете жаздадык. Кыскасы, жупуну столубуз көзгө илинбей, гүлгө кучагы толгон Амангүл жадырап-жайнап отурган кезде, мурунтугун үзгөн торпоктой жөөлөп үч жигит кирип келди. Бирөөнүн колунда "Мейман" деген арагы бар. Үчөөнү тең факультеттин залдарынан көрүп калчумун. Жогорку курста окушат. Кызуу.

- Амангүл, туулган күнүң менен! - деди каштары коюусу "Мейманды" стол үстүнө тарс коюп.

- Ырахмат, - деди Амангүл ыңгайсыздана.

- Биз каерге отурабыз? - деди экинчиси алтын тиши бар ооз жагын бир тарабына кыйшайтып. Группалаштардын бири да буларды табы сүйбөй карап турду, анткени, өзүбүз тыгылышып отурганбыз. Негедир бирөө дагы ооз ачкан жок. Тигилер: "Кана, орун бошотпойсуңарбы?" - дешкенсип, ыргалып турушту. Эмне кылыш керек? Амангүлдүн сүйлөшкөн жигити болсо, эптеп батырса болот, жок, эгер жөөлөп, бизди басынтыш үчүн кирген болсо окутуп койбосо болбойт. Көөп кетишиптир.

- Өзүбүз тыгылышып араң отурабыз. Бир сааттан кийин келиңиздер, бошотобуз - дедим ачуумду араң токтотуп.

Кара каштуусу мени атып ийчүүдөй бир карап алды.

- Келген мейманды кет деш кыргыздын салтында жок, балакай. Сен мени тааныйсыңбы?

- Таанып эмне кылам?

- Жанагыл "Кыргыз аты баспаган талаа барбы?" деген макаланы жазган жигитмин. Амангүл группалашың болсо, менин - карындашым. Сен, балакай, гитара дыңгыратканыңа дардаңдаба? Көчөдөгү кайырчы деле гитара ойнойт, аның кимге таң? Алдагы комуздай койкойгон мурдуң жалпайып калбасын?

Жиним бозонун шагындай кайнап, группалаштарымдын көзүнчө кемсинткенине арданып кеттим. Анын үстүнө мындай тирешүүлөр көнүмүш ишке айланып, жүрөк да, көз да көнө баштаган.

- Көп келжиребей, чыгып кеткиле! - дедим ордумдан туруп.

- Чыкпасакчы?

- Чыкпасаң, күчкө салабыз!

- Муну карап кой, жөжө короздой чокчоңдоп! Жүрчү сыртка! - деди мактанчаагы эшикти көздөй жол баштап.

Кыздар жолумду тороду.

- Чоң курстун балдары, теңелбечи?

- Зөөкүр немелер, чыкпа?!

- Ушулардыкы өттү, бул жатаканада бирөө үн көтөрбөш керек, музыка койбош керек!

Жанымда турган Нурбек экөөбүз аларды жоошутуп, мушташпайбыз, жөн гана сүйлөшөбүз деп коюп, коридорго чыктык.

Үчөө тепкичтердин жанында туруптур.

- Эй, "кайырчы", тез бас!

Кошо баскан Нурбекке шыбырадым:

- Алым жетпей баратса гана болуш...

"Күп-күп-күп" эткен күчтүү сокку көз ачып жумганча үч масты түйүлгөн курсактарын басып, отура калууга аргасыз кылды. Колдорум алардын курсактарына кире түшкөндөй болгон, көрсө спорт менен машыкпаган, курсак булчуңдарын бышырбаган, сөз менен нервге ойноп, ар кимди кекетип-мокотконду жакшы көргөн, биринчи курстарды кааласа аракка жумшап, каалабаса тырыштырып, "талаа ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат" болуп, дардаңдаган немелер экен... Биринчи соккуну жегенгеби, же арамзаалыгыбы, айтор коюу каш эң акырында эптеп өйдө болду.

- Эмне кылдың, эй к...

- Жетпей калдыбы? Дагыбы?

- Жо-жок, жетет... Бирок, шашпа, эртең сени менен башкача сүйлөшөм!

- Азыр эле сүйлөшөлү...

Бир, эки кадам илгерилесем, ал дубалга сүйөнгөн боюнча кетенчиктеди. Оң ийинге бир тептим эле, узунунан жатып калды. Берки экөө жок. Тыз коюшуптур...

Амангүл ортого түшө калды.

- Жоробек, токтот, болду... Бир ачууңду мага бер!

- Биринчи курстун балдарынын бир тал чачы түшсө, таарынбагыла - деди Нурбек. Артыма бурулсам, балдар-кыздар жапырт чыгып, рингден мелдеш көргөнсүп кызыга карап турушуптур...

ххх

Тренеримдин үйүнөн көңүлүм көтөрүңкү чыктым, анткени эки айдан соң беттеше турган Жи-Шандын төрт раундга созулган беттешүүсүн көрүп, коркпой-үркпөй күч сынашууга болот деп чечтим. Кара чачтары көзүнө түшкөн, тегерек бет, бүтүк көз Жи-Шандын чабуулу мыкты натыйжа бере албады. Жоопкерчилиги күчтүү беттешүүгө эмес, көрсөтмөлүү оюнга катышып жаткандай элес калтырды. Тынбай чабуул коөт, буттары менен ар кыл жагдайдан тебе алат, бирок жыйынтыгы аз. Мага ал чарчагандай сезилди, ошонун баарын жан дилин берип жасабай, механикалык түрдө, түзүлгөн программанын негизинде аргасыз аткарып жаткандай туюлду. Эгер соперниги коркоктук кылбаганда, упай менен Жи-Шанга уттурмак эмес...

Кийинки кездерде өтө сүйүнгөндө же капаланганда Зинаны эстегенге, аны менен ошол жагдайды талкуулаганга көнүп алгамын. Азыр дагы Зина турду оюмда. Эки жагымды элеңдей карап, ээрчиген "куйрук" жок экенин байкаган соң, телефон-автоматка басып келдим.

Зина адегенде сүйүнүп алып, анан катуу таарына кетти.

- Эмне үчүн менден жашырынасың? Дарегиңди же Обозканов айтпайт, же Мадина айтпайт?

- Зина, ишке байланыштуу экөөбүз эки айга чейин жолукпайбыз.

- Эки айбы-ы?

- Ооба, эки ай.

- Боже-мой, ким карап турат дейсиң, келе берчи? Келсең. Сени ушунчалык көргүм келип жатат.

- Менин дагы...

- Жалган... Көргүң келсе ушунча күндөн бери бир жолу телефон чалып, же бир кабар алып коөт элең го?

Ошол учурда бактын далдоосунда турган волганы көзүм чалды. Ордунан жылып, аялдамага жакын турган камокко келип токтоду. Ичинен боз плащчан жигит түшүп, камоктон бир нерсе сатып алды да, кайра волгага отурду. Негедир машина ордунан жылган жок.

- Жора, Жора-а, угуп жатасыңбы?

- Сабактарың кандай?

- Начар...

- Эмне болду?

- Сен жок...

- Менин да иштерим жакшы эмес.

- Келчи. Абдан сагындым. Сабактарды окубай таштап койдум. Ниет жок. Шорпо бышып жатат, жок дегенде ошону ичип, курсагыңды тойгузуп кетчи?

- Зиночка, азыр баралбайм, себеби артымдан аңдып жүрүшөт?..

- Кимдер?! Шоханын балдарыбы?

- Билбейм... Тигиндейректе волганын ичинде отурушат.

- Такси кармап барайынбы? Каерде турасың?

- 10-кичирайондо. Келбегин! Маршрутка менен жатаканага кетем...

- Тез кет. Жатаканадан жеттим деп чалып койбосоң, уктай албай чыгам.

- Сөзсүз чалам, кош.

- Коштошпойм, чал дагы...

Трубканы илип, будкадан чыгарым менен маршрутка келип калды...

...Мени жатаканада көңүлсүз жагдай күтүп туруптур. Биз жокто кимдир бирөөлөр бөлмөбүзгө кирип, бир нерсе издеп, шкаф, столдорду аңтарып, баарын чачып кетиптир. Эмне издегени белгисиз. Нурбектин да маанайы суз.

Шоханын балдарынын иши эмес. Себеби аларды шектендиргидей олуттуу жагдай боло элек. Мен алардын чийген чийининен алыс баспадым. Же текшерип, кайсы бир нерседен күмөн алып жатышабы? Эмнеден? Балким азыркы маршрутканын аркасынан калбай мени ээрчип келген 21-94 номерлүү ак волгадагылардын колунан келди дейм? Алар кимдер болушу мүмкүн?..

- Сен сабагандар жасады. Башка кимдер бизге өчөшмөк? - деди Нурбек алаканын жайып.

Анын кейиген түрүн көрүп, унчукканым жок. Нурбекти түшүнсө болот. Чогуу жашаганыбыз менен мен тууралуу, аралашып жаткан опурталдуу иштерим жөнүндө кымындай да билбейт. Акырын четин чыгарып ачыгын айтып коюуга да болбойт. Билбей турганы дурус. Мейли, чоң курстун балдарынан шектене берсин. Чындыгында ошолор күнөөлүү болсо, алар каалганы тээп сындырмайынча ичкери кире алышмак эмес. Кулпу ачкыч менен ачылган да, бөлмөнү аңтарып, издегендерин таппагандан кийин, кайтара тыпыйтып кулптап коюшкан. Шашкан, болбосо азын-оолак буюм-теримди ирети менен текшерип көрсө болот эле... Кыскасы, бөлмөдө шектүү бирөөлөр болгон. Эмне издешти болду экен?.. Ишим билинбей татаалдашып баратат. Акбардын колунан келип жүрбөсүн? Хасанга сөөкөчтү неме анын изине мен аркылуу чыгууну көздөп жатат дейм? Андай да болушу ыктымал. Абайлап жүрүүгө туура келип калат окшойт. Коөндой көлөкөмдөн коркуп жашап калбасам болду...

Терезеге келдим. Белинский көчөсүндөгү автоагым дале токтой элек. Жалбыраксыз жылаңач калган дарактар эти желген балыктын кылкандуу сөөгүнө окшоп тыртайышат... Асманды калдайган кара булут каптап келатыптыр.

Зинага кайталап телефон чалыш үчүн көчөгө чыгыш керек, көчөдө сырдуу ак "волга" күтүп тургандыр. Эптеп эртең бир убакыт таап, таарынычын жазармын...

ххх

Көптөн-көп күткөн коңгуроо шыңгырары менен сөз түркүмдөрүн казып окутуп жаткан Жаныбеков агай лекциясын шарт токтотту да, коштошуп коюп сыртка жөнөдү. Бир жактарга шашып жаткан көрүнөт, болбосо этиштин категорияларындагы изилденбей жаткан айырмачылыктарга токтолуп алып, бир-эки мүнөт адатынча эзмек. Эмнегедир, ушул агай сүйлөгөндү жанындай жакшы көрөт.

...Залда Зина турат. Баштан ылдый капкара кийинген. Бажыраят. Адатынча курсташтарымдын биринен да тартынып койбостон басып келери менен шарт мойнума асылып койду.

- Уят... Карап турушат...

- Карамактан кадалып калышсын... Кандай гана сагындырдың мени, Жора? Кечинде эмнеге чалган жоксуң?

- Жүр... Жүр, тигиндей туруп сүйлөшөлү. Башкалардан өзгөчө ооздору ачылган Нурбек менен Буркан бизди ээрчий басышты. Балдарды Зина менен тааныштырган соң өзөк жалгаш үчүн сыртка чыгып, оң келген кафеге кирдик. Бирден лагман жедик.

- Сени катып жүргөн Жоробекте акыл жок, - деди Буркан.

- Эмнеге катмак эле?

- Катпаса буга чейин жок дегенде бир жолу көрсөтпөйт беле?

- Кызганган го? - деди Зина мени көз кыйыгы менен карап, - Жадагалса кайсы жатаканада, кандай бөлмөдө жашарын да айтпай жашырып жүрөт...

- Бас, азыр эле көрсөтүп коөм, - деп Нурбек шымаланып калды.

- Жатаканада эмне бар. Каткан нан кемирет беле, - дедим чай ууртап жатып.

- Эмне, акчаң жокпу?

Зина кичинекей сумкасын "чык" эткире ачты.

- Акчабыз бар, ишемби күнү торопой сатк... ий-и...

Нурбектин бутун тээп калганга араң үлгүрдүм.

- Адашып жатасың го?

- Ооба, ооба... Агам экөөбүз торпок сатканбыз.

Зина бизди алмак-салмак карап турду. Тезирээк кетирбесем, экөө бабырап баарын айтып сала турган.

- Балдар, бизди, айып көрбөсөңөр, жалгыз калтырасыңарбы?

- Тү-шүндүк...

- Кечиргиле... Айтмакчы, Зина сени күтөбүз, жатаканага кел! 9-жатакана, 402-бөлмө!

- Ырахмат! Барам!..

Экөөбүз маңдай-тескей тиктешип отурдук. Бир да тырышы жок тунук жүздүү, жоодур көздүү Зина сүзүлө карап турду. Сулуу болуп кетиптир... Ошентип, тартынбас, шайыр, ак жүрөк, сырдаш айпери бешенемде сынай да, эркелей да, элжирей да тиктеп, кыялымды алда кайда азгырып баратты... Сейрек жаралган жан экендигинде талаш жок. Бирок, аны баш отум менен берилип сүйө албайм. Анткени, Эрмек менен байланышкан тагдыры жакшы ойлорумдун жолун бууйт да турат. Оюмдан түк өчүралбайм. Тык эте эске түшөт да, эт-жүрөгүмдү колго урунгус, көзгө көрүнгүс манжалары менен эзип-эзип кирет...

- Эй, э-эй? Ойлонбо-о?

- Эсим ооп кетиптир.

- Эмнеден?

- Сулуулугуңдан...

Зина кирпиктерин төмөн түшүрүп, ойлонуп калды.

- Билесиңби, Жора, сенсиз жашай албайт көрүнөм... Канча күн сени эстебөөгө, сен жөнүндө ойлобоого тырышып, тытынып көрдүм... Капысынан шарт эсиме түшөсүң да, шаңыңа бөлөйсүң, токтоо турпатыңа азгырасың, азыткыдай арбайсың да алыстарга алып кетесиң. Элесиңе айлангөчөк болом да, айланып-тегеренип, алыстай албай калам... Сүйөм! Сени сүйөм, Жора!

"Сүйөм!" деген сөздү биринчи угуп жаткангабы, негедир өгөйдөй, өөн кабыл алдым... Эмне деш керек? Мен дагы жакшы көрөм. Бирок, баш кошуу жөнүндө али ойлонуп көрө элекмин. Кайсы бир мезгилдерде, ачууга алдырган күндөрү анын биринчи жигити Эрмек жөнүндө сөз каалгып чыкпай койбойт. Ошондо, көңүл сууп, жүрөк ооруп, ортодо турмуш билинбей муздап, жыйынтыгы ажырашуу менен аяктаса жакшы болот беле?.. Бирок, бул тууралуу азыр айта алгыдай эмесмин. Кезеги, учуру келер...

- Зина, азыр оюмдун, дитимдин баары - башкада жүрөт. Ал үчүн кечир мени. Шоха менен байланышкан иш тереңдеп баратат. Анын тапкан Жи-Шаны менен Алма-Атада беттешемби, жокпу, ага жеткирбей аны колго түшүрөбү -белгисиз. Тегерегимде көз салган чоочун көздөр көбөйдү. Ары бассам да, бери бассам да аңдып турушат... Кечээ бөлмөбүздү тинтишиптир.

- Кимдер?!

- Ит билсинби... Эмне издешкендерине түшүнбөй койдум.

Зинага башка эч нерсе айтканым жок.

- Мадина мени капа кылды...

- Уруштуңарбы?

- Ошондой десе да болот. Сенин жатаканаңдын дарегин сурасам, ачууланып: "Ага жакындаба, сен чийинден чыккан кызсың, башын тегеретип, эптеп тийип алганы жүрөсүң" - дейт. Чектен чыккандай эмне кылыптырмын? Жаш болгонбуз, ойногонбуз-күлгөнбүз, анын эмнеси бар... Менимче, ал сени кызганат көрүнөт.

- Койбойсуңбу, экөөбүз-карынбөлөбүз, же аны билбейсиңби?

- Байкашымча туугандык кызганыч эмес. Себеби, мен билген, он жыл бирге окуган Мадина жок. Өзгөргөн. Ойчул, эгоистка, кызганчаак, чынтийбес.

- Эриктен дайын-дарек жок деп жүргөн...

- Ой, Эрикти билбесем экен! Тоок ал, кыздарды мээлейдей алмаштырчуу. Кезек Мадинага келгенде, сен келип калбадыңбы.

- Жарашып алгыла.

- Өзү кечирим сурабаса, мен андан кол үзөм.

- Кекчилсиңби?

- Кекчилмин.

- Жаш туруп кекчил болгон жарабайт.

- Мен өзүмдү чоң кишидей сезем.

- Себеп?

- Себеби, 18 жаштан өттүм. Шайлоого жана шайланууга укуктуумун, кылмыш кылсам закон чегинде жооп берүүгө милдеттүүмүн.

- Анда өзүң бил. Дегинкиси достор өчөшпөй түшүнүшө билгенге үйрөнгөнү дурус.

- Философ.

- Жаңылышасың - филологмун.

Ортобузду кайрадан жымжырттык ээледи.

- Үйгө жашынып келүүгө болбойбу?

- Болот, бирок бүтүндөй бир операцияны бүлгүнгө учуратышыбыз мүмкүн. Аяш атаңа уят болсок, жакшы эмес.

- Бул менден алыстоонун гана шылтоосу...

Зинанын кабак-кашы бүркөлө түштү. Кара сумкасын чыкылдатып, кайра-кайра ачып-жаба берди.

- Сендей кыздан алыстап, азап тартууну мен деле каалабайм.

- Чынбы?

- Чын.

Зина каректерине тегерене калган жашты аарчып жатты.

- Мени кечирип койчу...

- Түшүнсөңчү, Зина, сенин кимдин кызы экениңди билип калды дегиче, Шоха менден оолак качат.

- Өзүң таптакыр көрүнбөй коюп жатпайсыңбы анан...

- Чалып, көрүнүп турам...

Аппак колдорунан кармадым... Ал мурдагыдай жоодурай карап турду.

ххх

Арадан дагы бир топ күн өттү. Ишемби күнү Нурбек экөөбүз таежезде жиберген эски волга менен 12 торопой салып келип саттык. Бардыгы 6200 сом болду. Кык жыттанган малбазардан тез чыгып кетиш үчүн багажды тазалап жатсак, жаныбызга орто жаштагы киши басып келди.

- Торопоюңар түгөндүбү?

- Түгөндү. Эмдиги ишембиде болот.

- Баасы кандай?

- Көлөмүнө, арык-сезимине жараша, 400дөн 700гө чейин.

- Баамдаганыма караганда маселе сени менен чечилет окшойт. Мага беш-алты торопой керек. Келчи, мындайраак, сүйлөшөлү, - деп колтуктан алып, бура басты.

Бейтаанышты көзүм менен чолуп өттүм: беттери чыбыр, өңү сары, суюк чач, эткээлирек киши экен. Кара кайыш курткасын сол колуна арта салып алган. Шашпаганы менен, айлана-тегерегин шектүү карап коөт.

- Мүмкүн, менин волгама кирип сүйлөшөрбүз?

- Кандай айырмасы бар? Айта бериңиз сөзүңүздү.

- Мени түшүнбөй турасың. Жети-сегиз торопойго акча таштап кетейин дедим эле... Эмдиги ишембиде бүгүнкүдөй дагы калбай калабы дегеним. Атың?

- Жоробек.

- Турар меники... Акча – волгада. Жүрү.

Экөөбүз малбазардан чыктык. Мал жүктөгөн машиналар менен адамдардан жол тие турган эмес.

- Кана волгаңыз?

- Тетигинде турат, - деп жол жээгинде турган ак волгага ээк жаңсады. Негедир арткы айнектери күңгүрттөлгөн ак волга көзүмө тааныштай көрүндү. 21-94 деген номурду көзүм чалары менен ордумда тык токтодум.

- Турар аке, эсиме жара чыгып, эмдиги ишембиде торопой сатпайбыз, аны унутуп калган турбайымбы?

- Эмнеге сатпайсыңар?

- Ылайыктуусу жок... Кош болуңуз! - дедим да, шарт артка бурулдум. Сары чийкил бир нерсе айтканга үлгүрбөй калды.

...Кечинде Абыл келип, экөөбүз балкондогу эски ордубузду ээледик.

- Хасан "Кошой", "Маркле" фирмалары, "Баба", "Айкөл" дыйкан чарбалары менен жеңичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, баш аягы алардан 500 миң сом алмак болду. Колунда сенин рингдеги мыкты мушташтарың тартылган видеокассета бар. Көзүрү ошол. Кореядагы профессионалдык спорт лигасы менен түзүлгөн келишимди көтөрүп жүрөт. Азырынча ушул.

- Шоханы таптыңарбы?

- Азырынча жок...

- Эки күндөн бери мени ак түстүү волга аңдып жатат. Ичиндегилерди тааныбайм.

- Номерин айтчы?

- 21-94...

Ал блокнотуна жазып алды.

- Эртең тактайбыз... Булар өткөндөгү сен айткан Акбардын шайкасы болушу ыктымал.

- Мен дагы ошондой ойдомун. Алар Хасандын изин жоготуп алышып, эми аны мен аркылуу тапкылары бар.

- Көздөрүнө көп чалына бербе. Жалгыз жарым жүрбөгүн. Айтмакчы, волга тууралуу Хасанга ооз ачпагын, себеби өздөрүнүн изин жашырыш үчүн сенин көзүңдү тазалап коюшу да мүмкүн. Иш олуттуу болуп баратса, тез Обозкановго телефон чал. Кыскасы, коркпогун. Жакында баарын колго түшүрөбүз. Кош, анда, жакшы тур!

ххх

Күндөр күргүштөп өтүп жатты. Бир жума ичинде ылайыктуу түзүлгөн тааныш регламент боюнча буту күйгөн тооктой жүгүрүп жүрдүм. Маршрутум -жатакана - университет - китепкана - "Балбан" - малбазар. Күндө төрт же үч пар сабактарга катышуу, түштөн кийин китепканаларга келип, практикалык сабактарга даярдануу, жумасына үч ирет кечинде "Балбанга" барып индивидуалдуу машыгуу, ал эми ишемби күнү таң эрте малбазар күтүп турат... Айыл эске түшкөндө алапайымды таппай калам. Шаарда жер кара болгону менен Ат-Башыга кар калың түшүптүр. Апамдардын эсен-соолугун укканым менен дайындуу кат-кабар келе элек. Буюрса, кышкы сессияны тапшырып алып, бир-эки жумага барып келем...

Таежездемкине бул жолу Нурбекти ээрчитип бардым. Мадинаны көрсөтүү үчүн эмес, жалгыз жарым жүргөндөн чочулагандыктан. Чындыгында тымызын дээринде сакталып жүргөн оюн ачык айтып алып, менин терс реакциямды байкагандан кийин өзү да бөлөм жөнүндө сөз кылганга көп батынбай калган. Үйдө Мадина жалгыз отуруптур. Жаңы алган горничная үйүнө кеткен окшойт.

- Кожоюндар кайда кетишти? - дедим жумшак диванга отуруп жатып.

- Ресторанга кетишти. "Алтын Ажыдаарга", бир чиновниктин 60 жылдык тоюу болуп жатыптыр.

Мадина астыбызга кофе койду да, телевизорду иштетти. Кусто деген илимпоздун командасы жөнүндө көрсөтүп жатыптыр. Алар деңиз кальмарларынын жашоосун видеотасмага тартып, изилдеп жүрүштү.

- Жаныбарлар - менин сүйгөн темам, - деди Мадина жаныма отуруп жатып.

- Айта көрбөгүлө, мен дагы жата калып көрөм! - деди Нурбек аны коштоп.

Түркүн түстөгү топ балыктар, алар жашынып жан баккан кораллдар чагылдырылган суу астындагы белгисиз дүйнө жөнүндөгү ажайып тасма бизди азгырып алды.

- Керемет дүйнө...

Тамшанып алдым. Мадина эсине бир нерселер түшкөндөй мага жылмая карап:

- Силердин жайлоолордон өтөбү? - деди.

- Менимче, ар нерсенин өзүнө тиешелүү көркөмдүк касиети бар. Жайлоолордун дагы.

- Мисалы?

- Мисалыбы... мисалы жайлоодогу мумия чычканынын жашоосун алалы. Зоолордун жаракаларында, корум таштардын арасында жашашат. Чоңдугу - арстай, бирок ага караганда жоон-жолпу келип, куйругу жок, мулук. Сары, ала, ак, көк түстө болот. Жегени - арча, шыбак. Бирок, бир үңкүргө, бир жерге гана додо кылып коргоол таштайт.

- Додо дегениңди кантип түшүнсө болот?

- Үймөк, мындай бийик кылып чогултат, - деп колум менен шиш аскага окшоштуруп сүрөтүн тарттым, - Анан аны табыптар казып алып, түрдүү ооруларга пайдаланат. Мисалы, аркар, кулжалар буту-колу сынганда мумия жалап айыгат. Эгер кыргыздын Кустосу чыгып, видикке келиштирип тарткан болсо, кальмарлар сыяктуу кызыктуу сюжет кантип чыкпасын?!

- Кел, сценарийин жазып, биз дагы телефильм тарталы? - деди Нурбек.

- Биолог катары мени да кошуп алгыла. Бешинчи курсту бүтүргөнгө чейин силердин чычкандардын кайсыл семьяга кирерин тактап коөм..

Ошентип, Мадиналардыкынан өтө кеч чыктык. Үчөөбүз ойду-тоону сүйлөп отуруп, убакыттын көбүн өткөрүп жибериптирбиз. Маршруткалар сейректеп калыптыр. Күн бүркөлүп, суук болсо, көчөдө адамдардын карааны да сейректей түшөт. Нурбекке байкатпай эки жагыма сак көз жүгүрттүм. Шектүү эч нерсе байкалбады. Бирок... Биз маршруткадан түшүп, жатаканага кирерде эки олчойгон жигит жолубузду тосту. Жогорку курстун балдары го десем, эмнегедир өң-түстөрүн өмүрү көрбөптүрмүн. Кыска мурутчаны:

- Фокс көрсөтөм деп ойлобогула! Ит аткандай атып салам. Артыңарга бурулуп, тигил жигулиге отургула! - деди акырын чыккан, бирок өктөм үн менен. Анын кичинекей тапанчасы курсагыма такалып турду.

- Силер кимсиңер? - деди Нурбек корккон үн менен.

- Барганда көрөсүңөр.

- Биз студенттербиз, бирөөлөр менен алмаштырып жатасыздар!

- Жаагыңды басасыңбы?!

Үндөбөй калды. Хасанды издеген Акбардын балдары. Бөлмөбүздү тинткен да ушулар болуш керек. Менимче, Хасандын дарек-дайны жазылган блокнот таап калабыз дешкен. Теги, булар эмне талап кылып, менден эмнени билгиси келет?..

Жигули аткан октой алып-учуп жөнөдү. Рулдагысы каскадөр окшойт. Кыска мурутчан атайын даярдалган материал менен көздөрүбүздү таңып, колдорубузду бекем байлап койду. Бирде оңго, бирде солго бурулуп, 15 мүнөттөн узагыраак жол жүрдүк. Ачуу сиреналарын жаңырткан өрт өчүргүч машиналардын жанынан өттүк. Бир жерден 101ге сигнал түшсө керек. Болжолумда сирена жаңырган жерден жүз метр өтүп-өтпөй шарт оңго бурулуп, жигули токтоду да, "бип-бип-бип" дедире үч жолу кыска сигнал бергенден кийин, кыйчылдап атоматтык түрдө дарбаза ачылды.

Нурбек экөөбүздү жетелеп бир бөлмөгө киргизишти. Ошол учурда жакын жерден шарактап поезд өттү.

- Көзүңөрдөгүнү ачсаңар, бул жерден тирүү чыкпайсыңар, билип койгула!

Кыска мурутчандын үнү. Аңгыча сырттан топурап үч-төрт киши киргенсиди.

- Кайсынысы? - деди кырылдаган үн.

- Узуну...

- Бекем байладыңарбы?

- Бекем, шеф.

"Тык, тык, тык..." эттире таяк таянган бирөө мага жакын келди. Бронхити бар окшойт, кыйылдап дем алып жатты.

- Ай, ай, ай, эне сүтү оозунан кете элек жаш балдар... Жаш балдар. Атың ким? - деди таягы менен мени шыйракка аяр чаап.

- Жоробек.

- Жоробек... Жакшы ат. Бул жигиттики?

- Нурбек... Ал эч нерсе билбейт...

- Сен эмне билесиң?

- Сурап көрүңүз, аке...

- Сурайбыз, албетте, сурайбыз... Стулду бераак жылдыргылачы, балдар?

Таякчан кишиге стул коюп беришти.

- Так, мындай жигит, тагдырың устаранын мизинде турат. Эмне үчүн экенин билесиңби?

- Билбейт экемин...

- Шоха экөөңөр жардырган машинаны эстеп көрчү?

- Шоханы тааныбайм.

- Төө-Ашууга ким менен барганыңды билбейсиңби?

- Билем...

- Ким эле ал?

- Хасан.

- Хасан?.. Доңуз, о-ой доңуз, сени менен Хасанмын деп таанышкан турбайбы. Айтчы жигит, бетинде айырмалуу белгиси барбы?

- Бар. Оң жаагында моюн ылдый кеткен узун тырык бар. Арык, кичинекей киши.

- Мына, Шоханын дал өзүн айттың. Чын аты - Мансур, Мансур Сагынбаев, СССРдин тушунда киши өлтүргөндүгү үчүн соттолуп, Россиянын бир топ түрмөлөрүнө отуруп келген. Азыркы кезде мошенничество, афөрлук менен жан сактайт.

- Андай жактарын билбейт экемин.

- Билдирмек беле? Ага кошулганыңа канча болду?

- Аз эле... Бир айдан ашып калды.

- Бир ай... Аз, аз убакыт. Спортсменсиңби?

- Ооба...

- Тиги доңуз менен кандайча таанышып жүрөсүң?

- "Балбандан". Кореялык таэквондочу менен беттешүү болмок, ошону уюштурмак.

Хасандын "эч ким билбесин" деген өтүнүчүн эстедим, бирок ал жөнүндө жаман маалыматтарды угуп, өз аты жөнүн өзгөрткөнүн билген соң, ага негедир ичим сууй түштү.

- Бишкектеби?

- Жок, Алма-Атада.

- Карасаңар, ал шүмшүктүн ойлоп таппаганы жок. Акча үчүн атасын алдайт, энесин сатат... Эми, жигит, сени бетине кармап алып, кезектеги афөралык оюнун баштаган турбайбы. Так, түшүнүктүү болду. Сен бизге Шоханын дарегин бер, билесиңби?

- Жок... Таштаган эмес, аке...

- Кантип жолугасыңар?

- "Балбанга" келет... Каалаганда.

- Ал доңуз кайсы күнү өлөрүн гана билбейт. Бизди аны менен кезиктире аласыңбы?

- Кантип?

- Биз көрсөткөн жерге жолугууга чакыр.

- Келбейт. Төө-Ашуудагы окуядан кийин көрө элекмин.

- Кимдер жасады деп айтты?

- Өчөшкөн бирөөлөр деди.

- Ага өчөшкөндөр иттин кара капталынан...

Хасандын "Акбардын иши" деген сөзүн ачык айтпадым, себеби булар тууралуу билеримди сөз кылуудан чочуладым. Кенедей маалымат чоң маселе чечерин билдим.

- Сен жөнүндө билем, жигит. Мүмкүн биз менен иштешерсиң?

- Кечиресиз, сиздерди же көрбөй, же билбей жатпайымбы.

- Биз эч кимди алдабайбыз, адал тапканын тартып албайбыз, бекер, жөнү жок кан төкпөйбүз. Бирок, бийликтин укуругу жетпегендерге кылтак илебиз, кордук көргөндөрдү коргойбуз, алдангандарды арманда калтырбайбыз. Биздики закондон тышкары, бирок адилет структура. Ойлонуп көр.

- Ойлоноюн...

- "Эсиң барда этегиңди жап" - деген. Сен, жигит, Шоха деген "тышы жылтырак, ичи калтырак" доңуздун кезектеги жайган торуна түшкөн кушсуң. Ал андай олжо кушту кантип тапташты, үндөштү мыкты билет. Так что, ойлон... Бул жигиттерди жеткирип койгула. Бир тал чачына залал болбосун!

Таяктын "тык, тык, тык..." деген үнү узап кетти.

Нурбек экөөбүздү кайрадан жигулиге отургузушту. Зуулдап жөнөдүк. Жанатан бери жүрөктү өйүгөн суроону билгим келди.

- Шоха сиздерге кандай жамандык кылган?

- Орду толгус...

Кыска жоопко, албетте, канааттанбадым дечи, бирок толугун, ачыгын айтышмак да эмес...

Номери жок кызыл жигули узап кетип, экөөбүз гана калдык. Оор улутунган Нурбек:

- Ох-х, жүрөктү түшүрүштү, деги буларың кимдер? - деди.

- Жаналгычтар...

- Анда эмнеге жаныбызды алышпады?

- Чийкибиз, бышканда көрөсүң...

- Сенин өлүп баратканда да тамашаң түгөнбөйт, досум. Ачык айтчы булар кимдер?

- Шайка...

- Шайка? Бли-ин... Доңуз деп кимди айтып жатышат?

- "Мерседес" менен Буркан үчөөбүздү жатаканага жеткирген жентельмен эсиңдеби?

- Ии, эсимде.

- Доңуз ошол...

- Кызык, кызык... Досум, сенде жашырган сыр көп экен.

- Бир куржун.

- Эмне үчүн, бир куржунбу, миң куржунбу, бул сырды жашырып жүрдүң?

- Сыр сынаакы доско айтылат.

- Сыныңа толбой жүрөмбү?

Унчукпай үрпөйгөн Нурбекти карап турдум да, жатакананы көздөй бастым. Түнкү жатакананын бекем жабылган эшигин жарыша такылдатып кирдик...

ххх

Эки күн тынбай кар жаады. Жер заматта ак шейшеп жамынып, аба тазара түштү.

... Абыл тамекисинин калдыгын балкондон туруп алыс ыргытты.

- Эң өкүнүчтүүсү Хасанды эки шериги менен Орто-Алыштагы квартирасынан атып кетишти.

- Качан?!

- Кечинде... Хасан - Шоха-Мансур эми жок. Профессионалдын иши, үчөөнү тең башка аткан.

Сагызгандай сак жүргөн Хасанга Акбар акыры жетиптир деген ой келди. Ошолор.

- Демек, биздин башыбызды айландырыш үчүн Шоха жаңы Хасан деген атты ойлоп тапкан турбайбы.

- Картотекада сүрөтү жок беле?

- Он сегиз жаштагы жалгыз сүрөтү бар. Андан кийин сүрөткө көп түшө бербептир. Элүү беш жаштагы кишини отуз жети жылдан кийин эр болсоң айрып таанып көр.

- Кимдер колдуу болду деп ойлойсуз?

- Табышмактуу Акбардан шектенем... Кыска мурутчандын фотороботун даярдайбыз, ал аркылуу таякчан кыркы, "акжүрөк" чалга чыгабыз. Темир жолго жакын жайгашкан өрт өчүрүүчүлөрдү оңой табууга болот. Андан жүз метр өткөн соң, оң тараптагы автоматтык түрдө ачылуучу дарбаза... Кыйналбай табууга болот.

- "Ринг" операциясы бүттүбү эми?

- Кантип бүтөт? Шоха жок болсо, анын компаньондору бар. Сага бир күнү сөзсүз келишет. Өңгөлү турган миллионго жакын акчаны алар талаага таштабай калсын.

- Мен оюндан чыгам, Абыл аке. Өзүңөр бүтүргүлө.

- Операцияны бүлгүнгө учуратасың.

- Бүттү, эки жолу ажалдан калдым, жетет. Атамдан ажырап, арманга эрте баткан апамды дагы азапка салгым келбейт.

- Криминалдуу бул топтун тамырын кыркпасак болбойт, Жоробек.

- Шоханы жок кылдыңар дейли, ал эми Акбарчы? Алар силерге аралашканымды билсе соо койбойт...

- Коркпо. Биз турбайбызбы.

- Силерби? Кыйын болсоңор Шоханы кайтарып жүрүп, кайра каратып туруп аттырып жибербейт элеңер!

- Ачууланба. 3000 доллар албай калдым деп ичиң ооруп турат окшойт.

- Аябай... Чын айтам, Обозкановго айтып коюңуз.

- Эх, Жоробек иним, биздин ишибиз оор, бирок кызыктуу. Журналисттер мындай фактыларды таппай жүрүшөт. Сен өзүң аралашып жатасың. Кийин чыгарма жазышың мүмкүн, же биздин системада иштеп калышка туура келер...

Ойлонуп турдук.

- Ырас эле, ак волга Айкынов Керим дегенге таандык экен. Гаражында мотору жок турат. Эки жыл болуптур. Демек, номерди кимдир бирөөлөр криминалдуу иштер үчүн пайдаланып жүрүшөт. Сен эс ал, чарчадың. Бир шыбыш болсо, бизге чал. Мен дагы келем, кош...

Балкондо көпкө турдум. Ак кардын таасиринен улам суук күчөй түшүптүр. Аяз беттеримди чымыратты... Айыл, апам түштү эсиме. Үйдөгүлөр кантип жатышты экен? Менин башымдан эмнелер өткөнүн билсе, апам акылынан ажырар беле?..

Мадина менен Зиначы?

III бөлүм

Ортодон тез эле жарым айча убакыт өтүп кетти. Көңүлдү азгыра турган өзгөчө окуялар болгон жок. Көзгө тааныш, көнүп калган регламент боюнча күндөр куюндап өтүп жатты. Өзүн куулана "Хасанмын" деп тааныштырган Шоханын бандасы да оту өчкөн очоктой дайын дарегин билдирбеди. Ал ортодо белдүү авторитетинен ажыраган криминалдуу топтун эси ооп, өткөн-кеткен иштерде кандай калпыстык же катачылык кетиришкенин аңдап-туюп, киллерди кимдер жалдаганын боолгологончо, этек-жеңдерин жыйынгыча ушул убакыт болду окшойт.

Коөндой окшош ошол күндөрдүн биринде мени бейтааныш, кызыл ыраңдуу, эрининин үстүндө жарашыктуу калы бар тоолук кыз издеп келди. Өң-келбети тааныш сыяктанат, бирок мурун-соңгу каерден көргөнүмдү эстей албадым. Жайды-жайлата кымыз ичип, каймак жеп, жайлоодо жүргөндүгү - кызыл, тордолуунун изи калган чымыр бетинен көрүнүп турат. Чамасы, тоолуктарга гана таандык ыраң шаардыктарга тиешелүү аппак өң-түстөргө көнүгө түшкөн көзүмө тааныштай сезилип жатты окшойт.

- Жоробек ушул үйдө... ой, кечиргиле, ушул бөлмөдө жашайбы?

- Ооба, мен Жоробекмин.

- Апаң сага кат берип жиберген...

- Апамбы? Айылдан келдиңби?

- Айылдан келдим...

Тоолук кыз үстүндөгү кара кайыш курткасына өңдөш ийниндеги сумкасын ачып, кат издеп, таба албай убара чегип жатты.

- Кир бөлмөгө, сумкаңды стол үстүнө коюп алып изде.

- Ии-и, кирбейм. Аз-зыр...

- Айылдын арстан жүрөк кызы деп ким айтат сени? Коркпой кире бер.

- Кыздарга арстандын жүрөгүнүн кереги не?

Ал ичкери кириш үчүн босогону аттай берерде чалынып кетти эле, сумкасынан жаңы гана сууруп чыккан китеп колунан ыргып, ичинен "Уулум Жоробекке" деген жазуусу бар конверт чыга түштү.

- Кечирип кой...

- Эч нерсе болбойт, жайлоонун шыбактуу тектирлеринде жүгүрүп жүрүп түзгө бутуң көнбөй калган турбайбы.

Кызылы ого бетер жанып-күйгөн тоолук жакшынакай кыз уялыңкы жылмайды да, мен жылдырган стулга отура кетти.

Конвертти ачтым. Апамдын мага эзелтен бери тааныш кол жазмасы. Негедир кат апам жыттангансып кетти. Жыттап-жыттап алгым келди бирок, бейтааныш кыздан уялдым.

"Жакшы жүрөсүңбү, балам?

Дени-кардың соо, сак-саламатсыңбы? Сагын келип "жакшы окусун, эгер жалкоолонуп, окуусун таштап салса, мага таарынбасын" - деди. Шаарга көнүп калдыңбы? Таежездеңдер аман-эсен жүрүшөбү?

Биз тынч турабыз. Отун-суубуз, буудайыбыз бар, буюрса, жазга жетип калар.

Менин башым айланып, бир аз кыйнаганынан райондук ооруканага барып текшерилсем, "башыңда шишик бар окшойт" - дешти. Эгер чын шишик боло турган болсо, операция жасатпаса болбойт экен.

Сен кышкы сессияңды бүтүргөн соң, келип, күрөң уйду сатып, мени Бишкегиңе алып бар. Таежеңе айтпа, ансыз деле алар сени окутуп жатышпайбы, сессияң бүтөрү менен келип кал. Апаң".

Чынында мындай күтүүсүз жаңылыкты окуйм деп ойлогон эмесмин. Айлам куруй түштү. Баш шишиги тууралуу мурунтан билчүмүн. Айлыбыздан бирөө операция болуп, ооруканадан чыкпай калган. Ошондо бул оору тууралуу ар кандай жоромолдорду жооралап айтып жүрүшкөн. Өтө коркунучтуу оору деген туюм ошол окуядан калган. Ал эми врачтар бекер операция жасап беришпейт. Бир уйдун акчасы жетеби? Эгер жалгыз уюбуз сатылса, жаздын күнү иним менен карындашым айран-сүтсүз, каймак-майсыз калабы?..

Жүрөгүм акырын сыздап турду.

Катты стол үстүнө көңүлсүз таштаганым менен ички кайгымды тоолук кызга билгизбедим.

- Атың ким?

- Каным.

- Апама кайдан жолугуп жүрөсүң?

- Автобекеттен. "Бишкекке ким барат?" - деп сурамжылап жүрүптүр.

- Тың жүрөбү?

- Оо, ананчы, апаң сөзмөр, ачык-айрым киши турбайбы. Мага абдан жакты.

- Студентсиңби?

- Кайдан. Өтпөй калгамын. Буюрса, быйыл дагы аракеттенип көрөм.

- Шаарда туугандарың барбы?

- Эжем менен жездем бар. Ошолордукунда жашап, иштеп жүрөм.

- Ишиң каерде?

- Бир менчик ательеде.

- И, ооба, ооба, азыр ошондой тигүү цехтери көбөйбөдүбү. Чай ичесиңби же кофеби?

Мен буу буркурап көтөрүлүп, шарактап кайнай баштаган электрочайнекти көздөй бастым.

- Рахмат. Мен кетейин.

- Бир чыныдан кофе ичсек жакшы болбойт беле?

Бейтааныш кыз кофе ичүүдөн баш тартып, ордунан тура жөнөдү.

- Сага рахмат, Каным. Колуң бошогондо келип тур.

Каным жалжылдай бир карап алганы болбосо, башка сөз-не айтпады. Тоонун чыйрак кызы кыска убакыттын ичинде шаардыктарча кийингенди, баскан-турганды үйрөнүп алыптыр. Күнү кечээ жайлоодо ат жалында ойноп, уй саап, сереге курут жайып жүргөнүнө ишениш кыйын.

ххх

Таежезде чоңойтуп туруп кышта саттырыш үчүн жыйырмага жакын торопойду алып калган. Көп төл берген эне-чочколордон бөлүнүп, өзүнчө кашаада. Жума сайын чөнтөккө түшүп турчу пайдадан ажыраганыма көп болгон. Таежезде үндөбөйт. Таежем гана кээ-кээде тамак-ашыма жетерлик акча кайрылышканы болбосо... Мугалимдердин "сатып алсаң автоматтык түрдө зачөт коюп берем" деп телиген китепчелери да курута турган болду.

Министр таежезде үйүндө экен. Таежем экөө куйкаланып союлган шумдуктуудай семиз койду жиликтей албай, оң келген жеринен кескилеп отуруптур.

- Сой, Жоробек... Колунан келсе өзү мүчөлөп алсын деп сынашкан көрүнөт, - деди таежездем кимдир бирөөлөргө нааразылана, - Кредит алыштын кыйынчылыгын тартышкан жок. Айлык алгандан да жеңил колдоруна тийгиздим эле. Тай союп келишет десе...

- Кудая то-обо, де. "Өкүл атам өз атам, кайдан чыкты кайнатам" - деп жөн эле кредит алып берем деп ооз көптүргөн өзүңсүң. Болбосо, өкүл атам качан айтканын эки кылчу эле?

Мен семиз койду алеки-заматта мүчөлөп союп, таежем даярдаган табакты толтуруп койдум. Таежездем ыраазы боло карап турду. Бүгүн бекер окшойт, жеңил спорттук трикосун кийип алып, ары-бери басып, кээде таежем чызылдата куруп жаткан тамагына да кирише калып жатты.

Төртөөбүз ашканада жыттуу чөп-чарлар аралаштырыла куурулган куурдак жеп жаттык. Дем алыш күн болгондуктан үй кызматчысы жок экен.

- Алибек телефон чалды, байкем качан кабыл алар экен дейт, - деди таежем адатынча чай сунуп жатып.

- Кой, ал нарындык иниңди жакындатпа. Агалары менен биригип алып, тымызын тор жайып, менин көрүмдү көөлөп жүрүптүр. Облакимдин ордун көздөгөнсүп жүргөн... Жарабайт, чөнтөгү жука неме.

- Кантип? Көк-Жардагы эки кабат үйүбүздүн кышын ошонун бизнесмен иниси жеткирип бербеди беле?

- Жеткирсе эмне экен? Ошончолук кызматымды, жакшылыгымды көрүшкөн. Шаарга жакын жердеги төрт стандарттуу салынган мал сарайды текейден арзан приватташтырганга жардам бергемин! Жыгач-ташы, шыйпыр-терезесине дейре бузуп, калтырбай сатып, олжого туйтунушту. Дагы бир "жирный" точканы жыт алып калышса керек... Тиги, оштугуңду да экинчи жакындатпа.

- Сабитжандыбы?

- Ооба.

- Ии, ботом, ал эмне жамандык кылды? Өрүк, мейиз, жаңгагын көтөрө чуркагандан башка катуу сөзүн уга элекпиз го?

- Жогорку Кеңештин айыл чарбасын көзөмөлдөгөн комиссиясынын башчысына, аны менен мамилем ит менен мышыктай экенин билип туруп, "100 тонна жер семирткич алган жокпуз, ал каякта?" деп арызданып кириптир.

- Берген жок белеңер?

- Эмнени берет? Чет өлкөдөн алынган химикаттардын 30%ы жолдо эриген, бууланган, кургаган, чачылып-төгүлгөн. 20%ын биздин жерге пайдаланууга болбойт. Ошолордун оордун кээ бир райондорго формальный "бөлүндү, алды" - деп документтештирсек, жапсак, оштугуң буладай кылып булайта сууруп чыгып отурбайбы!

- Ким билет, сага бой салып, жан тарткандардан кийинки кезде мокочо көргөндөй жаа бою кашчу болдуң го?

- Се-ен, Алма, менин ишиме көп аралашчу болдуң. Угуп кой: "сол көзүң оң көзүңө душман" заман. "Ме" дегенин "келе" деп ала бергениңди токтот, напсиңди тый!

- Токтоткулачы! - деди Мадина ата-энесинин кызууланган сөзүн тыйып.

Таежездем эртең менен жакшылап баш жазган окшойт, болбосо мынчалык ачылчу эмес.

Таттуу куурдак желип бүттү. Жөн-жай чай ичип отурдук.

"Фанта" куюлган стаканын ээриндерине жакындаткан Мадина:

- Папа, сессия тапшырган соң, айылга барып келейин? - деп калды.

- Кимдикине?

- Таежемдердикине...

- Ким менен?

Мадина мени карады.

- Жоробек менен.

- Өзүң бил.

Мен каршы болдум.

- Азыр барганга болбойт.

- Эмне үчүн?

- Тушардан кар, суук. Айылга көктөм учурунда барыш керек.

- Жоробек туура айтат, - деди таежем, - Жайлоо кыдырып, кымыз, таза айран, сүт ичип, тоонун абасын жутуп, эс алып келесиң.

- Кыштын да өз керемети бар. Барам!

Эрке кызга теңелбейли, башка учурда дагы сүйлөшөбүз дештиби, айтор, бөлөк сөз айтышкан жок. Үйдөгү атмосфераны байкап көрүп, келген максатым тууралуу айтууну ылайык көрбөдүм. Кичинемден бирөөдөн акча сурап үйрөнбөдүм эле. Таежем айтпаса да таежезде: "Өлүгүн артып ушулар курута турган болду" - деп ойлобосун...

Мадина мени узатып эшикке чыкты.

- Кечинде "Кармен" диско-клубуна барбайлыбы?

- Бийден башка программаларында дагы эмне бар?

- Алма-Атадан "АГА" группасы чакырылыптыр. Студенттер дүрбөп жүрүшөт.

- Мен баралбайм.

- Эмне үчүн? Тренировкаң барбы?

- Жок. Көңүл жок.

- Билем, эмнеге кападар жүргөнүңдү.

- Билсең айтчы?

- Зинага... Дагы бир айыбы ачылса керек.

Мага сынтага карап турду.

- Сага дагы көп сюрприздерди сактап жүрөт. Башында эскерткемин. Эми кеч болуп калгандыр.

- Зинага караганда сага көбүрөөк жолугуп жүрөм. Мүмкүн анын сюрприздери тууралуу азыр айтаарсың?

- Айткан менен ишенбейсиң, өзүңдүн мурдуңду балта кеспейт турбайбы, ошондуктан өз көзүң менен көргөнүң жакшы.

Мадина айткандарына маашырланып, ичинен канааттана дем алып жатты.

- Зинанын жамандыгы жарыя боло беришин абдан жактырасың, ээ, Мадина? "Ичиңден таруу айланбаган", бирөөнүн жакшы жагын көрө албаган жансың.

- Билсең сага күйүп, жантартып жүрөм. Зинанын чөйрөсү мени канааттандырбайт. Байкашымча сен бекер үч күн камалган эмессиң. Бир шойком болгон. Зинанын артынан "буту күйгөн тооктой" тызылдап эле жүгүрүп калдың...

- Жүгүргөн деле эч ким жок...

- Каалашыңча ичип-жеп, жатып-туруп, үйдө жашай бере турган элең, апам айтмакчы, "куурагандар" жашаган жатаканага кеттиң. Бул да болсо чийинден чыккан кыз Зинага жолугуп туруунун амалы.

- Зинанын жан дүйнөсү башка, Мадина. Аны сен түшүнө албайсың. Өзгөчөлөнгөн касиети бар. Ошол нерсе кызыктырат.

- Мүмкүн жеңилдиги да кызыктырар?

Тамагыма бир нерсе туруп калгансып, сүйлөөргө сөз таппай калдым.

Мадинанын сөздөрүнүн түпкүрүн түшүнүп турдум. Ар кандай жорук-жосундарга, кылмыштарга кериптер болуп албасын деген жан тартуу. Бирок, мен чындап аралашкан коркунучтуу иш тууралуу билбейт. Билсе, башкача реакция кылмак. Тууган эмеспизби.

- Мен кетейин...

Ордумдан турдум.

- Качан барабыз?

- Чакырам бир күнү...

- Төөнүн куйругу жерге тийгендеби?

- Жок, түлкүнүн...

- Дагы эскертем: Зинага азгырылба, макулбу? Болбосо, ал тууралуу сага толук айтып берүүгө туура келет.

- Ал жөнүндө айтпаган дагы эмнең калды?

- Ал бир чети гана.

ххх

...Кошко чеккен аттан беш бетер тердегендиктен, адаттагыдай чогуу машыккан балдар менен кошо душка түшүп жатсам, тренерим кирип: "Сен тез кийинип, кабинетиме кир" - деди мага. Анатолий Кимдин мурда душ тарапка башбакканын байкаган эмесмин. Таптакыр кирчү эмес. Бир орчундуу окуя болорун сездим.

Спортсмендердин сүрөттөрү толгон баягыл кабинетте "Ми-На" ресторанына акыркы болуп кирип, Шоханы ээрчитип кеткен өткүр көз, кара тору жигит отуруптур. Ошондо ушул жигит кирери менен, бир нерседен кооптонуп, шарт көздөн кайым болушкан. Кийин өзүмчө ой жүгүртүп көрүп, булар Зинадан эмес башка нерседен этияттанышканын, чочулаткан бөлөк жагдай болгонун билгемин, анткени кийин-соң бир да жолу кызыгып Зина тууралуу сурашкан жок. Менимче, алар Зинанын мага келгенин көрүшкөн да эмес.

Өткүр көз суз, тоңдоосун учурашты.

- Хасандан келиптир, - деди тренерим, - Тааныйсыңбы, же...

- Албетте...

Биз машыгууга келген балдардын арты спорт залдан чыгып кеткиче аны-муну, маани-маңызы жок гана сөздөрдү сүйлөшүп отурдук.

Анатолий Ким менен коштошуп, экөөбүз сыртка чыксак, шөкүлөлүү куртка кийген бирөө күтүп туруптур. Жакын барсак - Ганы. Кийим адамдын өң-түспөлүн өзгөртөрүн мурдатан байкачумун, бирок Ганыны тааныбай калам деп түк ойлогон эмесмин.

- Студент, курсак кандай? - деди өткүр көз.

- Ачкарынмын.

- "Еленага" кирели, - деди жакын турган кооз жарнамалуу кафе-барга кайрылып. Суук күч ала баштагандыктан, беттер таштай муздап, ооздон чыккан дем булоолоно түшөт.

Үчөөбүз чүчбара, "фанта" ичип отурдук.

- Студент, - деди каратору өткүр көз, - Шоха менен Хасан баягыл иштер менен жүрөт. Ну, ага чейин бир абдан пайдалуу "сделка" бар. "Камырдан кыл сууругандай" жасабасак болбойт. Сенин жардамың керек.

- Менсиз бүтүрүүгө болбойбу?

- Болот... Бирок, Сени Хасан сунуш кылды. "Мыкты спортсмен, атасы жок, акча таап жалгыз бой апасына жардам берсин. Кошуп алгыла" - деди. Кошо жүрүп, кошо келесиң. Эскертип коөюн - жан адам да билбөөгө тийиш.

Ойлонуп калдым. Демек, булар Хасандын өлгөнүн жашырып, мени дагы бир афөрлук ишке азгыргылары келип жатыптыр. Уурулук, талап-тоноочулук, алдамчылыктан башка пайдалуу иш болсо, бир ирет аралашып көрүүгө неге болбосун?.. Жакын арада мага акча керек. Апамды айыктырып албасам болбойт. "Балбанга" да ай сайын төлөгөндөн чөнтөк жукарып баратат...

- Кандай иш бүтүрөбүз?

- Москвага жүк коштоп барабыз... Поезд менен...

- Эмне болгон жүк? Билсем болобу?

- Албетте, эмне үчүн болбосун? 10 коробка жаңгак.

- Арзыбаган жүк экен, ошону үчөөбүз коштоп барабызбы?

Экөө бири-бирин тиктеп калышты. Каратору, өткүр көз мыйыгынан жылмайды:

- Өтө важный бир персондун көрөр көзү, так айтканда эрке токолу Арсланбабдын гана быйылкы жаңгагын жейт, жүк ошонун колуна кандай да болбосун аман-эсен жетүүгө тийиш.

- Түшүнүктүү... Мага канча төлөйсүңөр?

- 200 $, барыш-келишиң, жеп-ичкениң биздин мойнубузда.

Ганы: "Ыраазы болосуң го?" - дегенсип карап койду.

- Жакшы сумма... Бирок, акча мага астын ала берилсе жакшы болмок.

- Проблема?

- Апама операция жасатышым керек... Башында шишик бар. Мен келгенче кайра бир ирет текшерилип турса дедим эле.

- Операцияга 200 доллар жетеби?

- Билбейм...

- Ганы 300 $ доллар бер, калганын кийин эсептешип алабыз. "Эр жигитти куур тондун ичинен тааны" деген. Чогуу иштешип жатпайбызбы.

- Мурда дагы 100 $ бергенбиз...

Өткүр көз аны жекире бир карап койду. Чамасы Шоха-Хасандын ордун эми ушул каратору, өткүр көз ээлеп, карамагындагыларды оңго да, солго да каалагандай экчеп калган өңдүү. Ал эми байкаганыма караганда мурдагыдай казначейлик милдет Ганынын мойнунда.

- Сизди Хасан байке менен чогуу бир көргөнүм менен атыңызды билбейм, - дедим Ганы сунган жашыл долларларды коюн чөнтөгүмө салып жатып.

- Тарас, Тарас - чапан. "Чапан" дешет көбүнчө.

- Мен Жи-Шан менен беттешүүгө даярмын. Хасан байке экөөбүздүн келишимибизди билсеңиз керек?

- Билем...

- Кагаз жүзүндө келишим түзсөк кандай болот?

- Убагы келет.

- Мелдешти тездетүүгө болбойбу?

Тарас-чапан эриндерин оң жак ууртуна кыйшайта жылмайды да:

- Гороскоп боюнча жылың эмне? - деди.

- Жолборс.

- Гарантия берем, жолборсум, мелдеш сөзсүз болот, - деди оң колумду ишенимдүү кысып.

Канткен менен Хасандын психологдордой ар бир кишинин мүнөзүнө, оюна жараша сүйлөй билген жактары бар эле. Анын ал касиеттерине көнө түшсөм керек, негедир Тарас-чапандын айткандары мени көп ынандыра албады.

Деги булар Шоха-Хасанды ким өлтүргөнүн билишеби? Билсе кандай чара көрүштү болду экен? Өч алуу жөнүндө ойлору барбы? Неге катуу жоготууга учурап, "ордун" толтуралбай жатышып, кайра акча үчүн жүгүрүп жүрүшөт? Же Шоха-Хасандын көзүн өздөрү тазалашты бекен?.. Кызык суроолор. Жообун угуу же билүү кыйын. Али убакыт бар, аралаша турайынчы.

ххх

Үч күндөн бери тумоолоп жаткан Нурбек бөлмөдө жок. Алакандай баракка кайда кеткенин билгизип, жазып да койбоптур.

Укташ үчүн төшөккө эми гана кирген учурда кулпу шарактап ачылып, сырттан суук эпкин ээрчитип Нурбек кирди. Жатакананын жылуулук батарейкасы иштебеген соң, биз да башкалар сыяктуу электропеч сайып алган элек. Ал чала-була сырт кийимдерин чечинген соң, ошол электропечке колдорун кактап калды.

- Кайда жүрөсүң?

Ал чочуп кетти. Мени уктап жатат деп ойлогон окшойт.

- Ойгоосуңбу?

- Жок, жөөлүп жатам.

Унчукпады.

- Ооруган киши жылуу-жумшак төшөктө жатат, сага окшоп дайынсыз жоголуп, сенделбейт.

Көптөн бери, айрыкча Зинага белгилүү болуп келген сырымды уккандан соң, эмнегедир бөлмөлөш досумда өзгөрүү чоң. Жүрүм-туруму, пейил-мүнөзү кескин өзгөрдү. Эмне себеп болгонун өзү адамдай болуп ачылып айтпайт. Менин аралашкан иштеримден жүрөксүп, же коркуп калды дейин десең, бөлүнүп же башка бөлмөгө оошуп кетпейт. Аз күн ичинде мени кыйнап жиберди.

- Сени менен ачык сүйлөшпөсөм болбойт, - деп өйдө болдум да, жемпиримди желбегей жамындым.

- Эмнени?

- Эмнени деп ойлойсуң?

Дагы дулдуюп, кайчылаш берген суроомду жоопсуз калтырды.

- Кийинки кезде чүнчүп, мисирейип, "кыз боозуп, энесин коркутат" - болуп жүрөсүң, эмнеге?.. Таарынттымбы?

- Жок...

- Анан эмнеге?

- ...

- Баягылардан коркуп калдыңбы?

- ...

- Айтпайсыңбы?!.. Корксоң тоскоолдук жок, каалаган бөлмөңө которулуп кет.

Отурган жеринен шарт турган Нурбек керебетине бой таштап, бүкүлү бойдон жатып алды.

- Пейлиңди өзгөртпөсөң, дос, же ичиңди ит тепкен сырыңды айтып, агынан жарылбасаң, Москвадан келген соң, башка бөлмөгө которулам.

"Москва!" деген сөздү уккан Нурбек жандана түштү.

- Москвага эмнеге барасың?

- Президент менен жолугушам.

- Чынын айтчы?

- Хасандын балдары келишти. Эртең темиржол вокзалында болушум керек. Москвалык бир күркүлгө жаңгак жеткиребиз. Бир жумадан кийин келем, буюрса. Эртең Айгүл Сейдалиевадан жооп сурап алып, Канымды издейм, ал ортодо лейтенант Обозканов менен байланыша коюшум керек.

- Каным ким?

- Кат алып келген Ат-Башылык кыз.

- Ии, ал кызды эмне кыласың?

- Өбөм.

- Айта берчи эми...

- Акча берем, апама. Операциясына акча таптым, Нурбек!

- Жаналгычтар бериштиби?

- Ошолор.

Нурбек жаткан жеринен өйдө болду.

- Лейтенант Обозкановго мен телефон чалам, сен Канымга жолугуп, аяш энеме акча жөнөт...

- О, мунуң чыныгы достугуң.

- Жоробек, сак бол суранам... Бир нерсе болсо, биринчи тумшук салчу жайың бар эле...

Ал керебетке кайра баш койду.

- Мадина сени сурады...

Калп айттым. Көңүлү көтөрүлөбү деп, сөзгө тарткым келди.

- Дурус жигит көрүнөт, бирок корунчаак, анан коөн жүрөк окшойт дейт.

- Э, кой, досум, аның сокур тыйыны жок кембагалды карамак беле...

- Болгонун айттым. Чоңдун кызы. Үйлөнүп калсаң тез чоңоөсуң.

Какшыктадым. Нурбек үн-сөзсүз тымып калды.

Өзүмчө ойлорго чулганып, уктабай көпкө чейин жаттым. Ошол ойлордун ичинен мени толкундатканы сүйүктүү апакем жөнүндөгү кыялдуу ой жүгүртүүм болдум.

... Колтугунан сүйөй кармап барып, автобекеттен апамды Ат-Башыга такси жалдап узатып жатам. Бинт менен таңылган башына мен сатып берген, эзелтен жакшы көрүүчү чачылуу, гүлдүү ак чоң жоолук салынган. Өңү кубарганы менен көздөрү нурлуу, мээримдүү, кубанычтуу күлмүңдөйт. "Рахмат, балам, сен болбосоң ким билет, айыгат белем, жок белем... Атаңдын ордун жоктотподуң, каралдым. Ага-туугандарың, айыл апа: "Атанын баласы деп ушуну айт!" - деп алкап калышат. "Жоробегим акча таап, айыктырбадыбы - деп, айтып барам! - дейт...

Толкундануудан улам, уйкум безип, ооналактап, кирпик илинүү кыйын болду.

Жакшы көргөн аялы үчүн жердин жети түбүнөн жаңгак алдырган миллионерге суктандым. Жеке азык-түлүк фирмасы, же чоң корпорациясы бар, болбосо Европа менен Орто Азияны тейлеген нефти магнаты болуш керек. Мүмкүн КМШынын көмүскө экономикасын солк эттирбей кармаган авторитеттир... Гезиттердин жазганына караганда дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарына Россиядан да ондон ашык адам кошулуптур. А балким, жаңгакты ошолордун биринин эрке токолуна алып бара жаткандырбыз.

Айтмакчы, Обозканов кандай чара колдонор экен?..

ххх

Толкундаткан ой-кыялдардын кучагында термелип жатып, кеч уктагандыктанбы, айтор күн нуру кабат үйлөргө бир кылка чачырап калганда ойгондум. Нурбек жок, сабакка кетиптир...

Кафедрадан кураторубуз Айгүл эжейди таппаган соң, факультеттин расписениеси илинген фойеге чуркадым. Эжей 4-кабаттагы 415-аудиторияда 3-курстун бир группасына практикалык сабак өтүп жатыптыр.

Аудиториянын каалгасын "кыйч" эттирип кыңайта ачкан мени бир карап алган Айгүл Сейдалиева адатынча полду өчү бардай тарсылдата басып сыртка чыкты. Саламдаштык.

- Сабакка кирбей эмне кылып жүрөсүң?

- Эжей, мага бир жумага жооп берип туруңузчу?

- Ии, эмне болуп кетти?

- Апам ооруп жатыптыр, айылдан шаарга алып келип доктурга көрсөтүп келейин.

- Атаң карабайбы?

- Атам болгондо көңүлүм тынч, сабак окуп отурбайт белем...

- К-к... смотри, Баргыбаевадай жалганың чыгып, уят болбосоң болду!

- Рахмат, эжей.

- Нурбек эмне үчүн сабакка келбей жүрөт?

- Ооруп калды. Сасык тумоо, грипп.

- Сессия жакындап калды, балдар, байкагыла!

Тызылдаган бойдон аялдамага келдим. Поезд жөнөөрүнө бир жарым саат убакыт калды. Маршруттук таксиге отуруп, Каным берген дарек боюнча Карпинский көчөсүнө келдим. Академиялык опера жана балет драма театрынын көркөм мастерскоюн издеп таптым. Сырткы дарбазадан кире бериштеги үйчөдө карыган чал нан менен чай ичип отуруптур.

- Тигүү цехин кантип тапсам болот?

Маалкаткан чал мени көңүлсүз бир карап алды да, кайрадан гүлдүү стакандагы чайдан бир ууртап алган соң гана:

- Үстүнө чык, - деди. Чамасы цехте иштеген кыз-келиндерге тынымсыз келе берген жигиттер кароолчуну тажатып бүткөндөй.

Мастерскойдо бош турган чоң-чоң бөлмөлөр залдар көп экен. Администрация бош бөлмөлөрдү арендага берип, театрдын капчыгын кампайтып жатыптыр.

Чоң, жылуу кемселге оронгон Каным мени көрүп чочуп кетти да, кайра кире качты. Мени келип чакырып калат деп күтпөгөн окшойт. Иштеп отурган жери суугураак сыяктанат. Цехтин ээси бөлмөнү талаптагыдай жылуулаганга көңүл коштук кылып, иштеген чеберлерди оронуп-чулганып жүрүүгө мажбурлаптыр.

Каным кайра чыкты. Үстүнө мага тааныш кайыш курткасын желбегей жамынган.

- Желмогуз көргөндөй качтың го?

Адатынча кызыл чоктой эки бети албырып алыптыр. Мени тик кароодон айбыгып, уяттуу бир иш жасап койгондон беш бетер жалтактайт.

- Күткөн жок элем... Кантип таап келдиң?

- Ит менен издеп.

- Хи-хи... Жайчылыкпы?

- Жок, иш менен. Бу, ак аюу өлө турган суукта кантип иштеп отурасың?

- Айла жок... Фабрикалар токтоп турат. Фирмаларга иштеш үчүн билим керек. Иштебесең жан багыш кыйын.

- Ата-энеңди баккыла дебейсиңби?

- Кой, аман-эсен чоңойткондору эле жетишет. Күч келтиргеним жарабайт. Өздөрү эптеп жансактап жатышпайбы...

- Аракечтерден бетер мурдуң кызарып калыптыр. Же 100 граммдан ичип алдыңарбы?

- Мындай сынай бере турган болсоң, кирип кетем.

- Тамаша. Үшүгөндүкү. Кел, колдоруңду бер, жылытып берейин?

- Кол жөн эле кишиге сунула бербейт.

- Муздак колдоруңду жылытып койсом жакшы иштеп, жыргап калабы деп ойлодум эле...

- Жылытканга муктаж эмеспиз.

Экөөбүз унчукпай калдык. Чоңдордун түйшүк менен иши жок, чалчаңдап ичип-жегенди, ойноп-күлгөндү гана билип, жыргал замандын доорун сүргөн кыздарын эстедим. Мадина же Зина ушул суук бөлмөдөгү цехте Канымга окшоп көкмуштум болуп тоңуп отуруп иштей алышат беле? Жок, анткени алар бардар, баары даяр, белен үй-бүлөдө тарбияланышкан. Бешене дешчү беле? Алардын бешенесине кудай ошондой байманалуу жашоону жазган. Бирок, адамдагы туруктуулук, айкөлдүк, жөнөкөйлүк, адептүүлүк көрүнгөн кишиге бериле бербейт турбайбы.

- Сен мага жөн келбесең керек?

- Апама акча берип жиберейин дедим эле.

- Эжем эки күндөн кийин жөнөп жатат, мага бер. Силердин айылга коңшу эмеспизби, тааныган бирөө-жарымынан берип жиберет.

Мен чөнтөгүмдөн конверт алып чыктым.

- 200 $.

- Окугандан сырткары иштейсиңби?

- Чочко сатам.

- Чочко?!

- Ооба, эмне, жаманбы?

- Арам эмеспи?!

- Ача туяктуунун баары адал.

- Койчу, тамашаңды. Же, чын айтып жатасыңбы?

- Чыпачын.

- Анда сени менен сүйлөшпөш керек экен.

- Кыйынсынба, сен деле колбаса жеп жаткандырсың, же саласынан алып келип берейинби?

- Кой, жебейм.

- Суукта жакшы – үшүбөйсүң, оорубайсың.

- Өзүңө буюрсун...

- Болуптур, сулуу кыз, буюрса, бир жумадан кийин жолугабыз.

- Эмне үчүн так бир жума?

- Бүгүн Москвага жөнөп жатам...

- Кандай иштер менен?

- Жөн эле, жакындан бери башы ооган жактарга басып кетмей илдет жолукту.

- Оорулуумун дечи?

- Жок, оолукмайым бар.

- Кызык, тез-тез оолугуп турасыңбы?

- Сулуу кыздарга жолукканда.

- Алар тез-тез жолугуп турушабы?

- Жок, биринчи жолу.

Каным күлгөн бойдон калды. Адептүү, акыл-эстүү кыз экен. Бирок, ага акчаны кайдан тапканым, Москвага эмне үчүн жөнөп жаткандыгым белгисиз бойдон калды. Канчалык билгиси келип турса да, такып сураганга батынбады. Тоолук кыздын тартынчаактыгы, ыймандуулугу эң негизгиси адептүүлүгү ага жол берген жок. Эмнегедир Канымдын турпатындагы эзелтен берки мага тааныш кыймыл-аракет, жылуулук таасирлентип, толкундоого туш кылып койду. Жеңил, ынана, аяр сүйлөгөндөрү, өзүн уялыңкы алып жүргөнү жакты. Айрыкча мурун алдындагы калы, тири укмуштай көркүн ачып таштайт экен...

Таежемдердикинде үй кызматчы аялдан башка эч ким жок экен. Ал аялга күтүүсүз жерден бир жумалык командировкага кетип жаткандыгым тууралуу үй ээлерине айтып коюусун өтүнгөндөн кийин гана, Зинага телефон чалдым. Ал кийинки кездерде негедир чүнчүгөнсүп, бир кайгынын жабырын тартып жүргөнсүгөн. Тез-тез телефон чалып турганым аны ал жабыгуудан алаксыта алган жок. Лейтенант Обозканов бетме-бет жолугушуубузга экинчи ирет катуу тыюу салган соң, ал ого бетер өчүп-жанып, буулугуп, убайга баш оту менен малынып алды. Туңгуюк Зинаны эзген ой-санаа - менден алыс болуп, сагынычтын азабын тартуу гана эмес экенин билем. Ал жүрөгүнө оор алган маселелер көп. Бирок, анын эң башкы ойлондурган, азаптандырган маселе эмне экенин сезбегенсийм...

- Жоробек?!

- Мен... Кандайсың, Зина?

- Жакшы эле.

Анын өткөндөгүдөй дагы эле шылкы бош.

- Зина, шашылыш Москвага жөнөп жатам...

- Эмне үчүн?

- Баягылар менен...

- Алар кимдер эле?

- Хасандын балдары.

- Кайра тез кел...

Ал унчукпай калды. Мурдагыдай жанды элжиреткен жылуу-жумшак сөздөрдү арнаган жок. Башка, таптакыр бөлөк Зина менен сүйлөшүп жаттым. Өзгөргөн.

- Зинаш, бир жериң ооруп жүрөбү?

- ...

- Зина?

Ичкерип ыйлап жатты. Эмне деп айтышты, көңүлүнө жуп келе турган кандай сөз ыйгарышты билбей апдаарып турдум. Анын бүдөмүктөнгөн ыйы да, үнү да, шыбышы да бир топко чейин угулбай турду. Бир нерсе менен алектенип жаткансыды. Эмне менен шүгүлдөнүп жатканы белгисиз.

- Зина? Ал-ло-о?..

Бир топтон кийин өзүн кайра колго алды көрүнөт, мурдун бир-эки жолу тартып алды да:

- Жора, - деди калтыраган араңжан үн менен, - Ушул ыплас иштердин баарына сени мен аралаштырып алдым, кечир... Бир кездеги балакыял, ойноок кездеги кетирген катам миң муш болуп, кайра төбөмө уруларын билбептирмин. Эми жигит сүйүп сүйүнөр кезде сүйүнбөй, элжиреп эригенче сүйүнбөй, кутулбас куяга белчемден малынып, сүлдүрөп, сүйрөлүп отурам... Күнүм тийип бүтүп, Айым ажарын чача батып, жылдыздарым суюлуп бараткансыйт, Жора. Андан сен гана сууруп чыгышың мүмкүн болчу... Жаныма жакын сезип жакындаган сайын – арылайсың, карааныңа кагылган сайын – караандатпайсың, качасың, жөлөк күтсөм – жөлөбөйсүң... Сен гана, бир гана сен жардамдашсаң ал-жайым аман болмок. Сен, сүйүктүүм, Жора, сен билбеген, байкабай жүргөн кө-өп сыр бар. Аны билгениң оңбу, же... билбегениң эле оң көрүнөт, мейли, билбечи. Эгер мени сүйгөн болсоң, угуп жатасыңбы, эгер сүйгөн эле болсоң, анда көңүлүңдө кара, жүрөгүңдө жара калабы деп гана чочулайм...

- Зина, ал эмне болгон сыр? Сага эмне болгон?

- Коркпо, жин тийген жок, шамалдабадым дагы... Жакшы барып кел...

Байланыш шарт үзүлдү. Анын куюлуштуруп, элжиретип сүйлөрүн мурдатан билчүмүн дечи, ал эми менден жашырган дагы кандай сыры болду экен?

ххх

Темиржол вокзалына жеткенимде таңгак-таңгак жүктөрдү, айрыкча чаар чоң-чоң сумкаларды көтөрүнгөн жүргүнчүлөр жол жүрүүгө камданып жатышыптыр "Бишкек-Москва" багыты боюнча жөнөй турган рейстин кетишине 25 мүнөт убакыт калган экен. Эрте келип алсам керек, себеби Ганылардын да, Обозкановдун жигиттеринин да карааны көрүнбөдү. Коммерсант-жүргүнчүлөрдүн арасын тинтип жүрүп чарчаган соң, белгилешкен жердеги отургучка көчүк бастым. Өмүрүмдө биринчи жолу поезд менен жол жүргөнү отурам. "Атаңдынгөрү, поезд дегениңде кадимки үйүңдөгүдөй жүрөт турбайсыңбы, басып-кооп, жатып-туруп, кааласаң чай-пай ичип коюп жүрө берет экенсиң" - деп айылда бир аксакалдын айтканы эсимде. Анан калса чет өлкөгө да алгачкы жолу сапар алышым. Ошондон уламбы, эмнегедир денемди толкундоонун таасири каптап алды...

Вокзалдын радиосу "Бишкек-Москва" багыты боюнча поезддин жөнөп жатканын кабарлады. Сапарлаштарымдан дагы эле дайын жок. Поезд жакындап келе жатты. Ганы 8-менен 9-вагондун ортосундагы "Ресторан" деген жазуусу бар вагондун эшигинде туруптур. Мен утурлай бастым. Поезд токтоору менен жерге секирип түштү. Уу-дууга түшкөн, аркы-терки чуркаган кишилер. Бир заматта баш көргөндү, көз көрбөй калды.

- Келдиңби? Азамат. Ме, бул билетти алгын да, тиги вагондун 5-купесине кирип, эс ала бер, - деди Ганы учурашкан соң. Салон ичиндегилердин өздөрү мындай калып, ары-бери көтөрүнгөн жүктөрүнөн аттап же капталынан касылып өтүш кыйын. Араң дегенде өз купеме жетип, төрт орунтуктун бирине жайланыштым.

Көп өтпөй поезд ордунан жай козголуп, бара-бара ылдамдап жөнөдү. Узатуучулардын жарыша жүгүргөндөрү да бирден-экиден суюлуп отуруп, акыры эч кимиси калбады. "Така-так, така-так..." - деген поезддин ыргактуу үнү, алгач уккангабы, айтор кулагыма өөн угулуп, анчалык көнө бербедим...

Лейтенант Обозкановду жаңгак ташыган компания кызыктырбаган көрүнөт, болбосо оперлердин бир-экөө небак көзүмө чалдыкмак. Же, Шоханын табышмактуу өлүмүнөн кийин, бул криминалдуу топтун структурасы, иш манерасы, пландары кызыктырбай калды бекен? Андай орчундуу себеп болгон болсо, мага алдын ала эскертилмек. Же менин жеке тагдырым, өмүрүмдүн алар үчүн текейчелик дагы баркы жокпу? Мүмкүн Нурбек кабар бере албай калгандыр? Иши кылып, бир чоң себеби бар. Ломбардды тоноого катышкандыгы тымызын далилденсе да, Ганынын алигинче камакка алынбай жүрүшү эмнени каңкуулайт? Чыныгы азыкты кайдан, кантип табышаары далилдүү фактылар менен толукталмайынча, бул топтун сары изине чөп салынары бышык. Мүмкүн булардын кайра кайтышын күтүп калышкандыр?..

Поезд шаар ичинен суурулуп чыгып, ээн талаа менен ээ-жаа бербей сызып баратканда гана купеге Тарас кирди. Өткүр көздөрү менен атып бир тиктеп алган соң, сунган колумду карылуу манжалары менен кыса-кыса кармап учурашты.

- Жүк ресторанда, - деди ал чалкалап жата кеткен соң, - Кезек менен күзөтөбүз. Жарым сааттан кийин барып Ганыны алмаштыр. Шектүү бир нерсе байкаарың менен мени ойгот. Түшүндүңбү?

- Түшүндүм.

Түнү менен уктабай жүргөн окшойт, жаздыкка башы тиери менен уйкуга кетти.

Жарым сааттан кийин Ганыга бардым. Четиректеги столдо чай ичип отуруптур.

- Тээ-тетиги официант келинди көрдүңбү? - деди узун бойлуу уйгур келинди көрсөтүп, - Эгер ошол келин сени карап, чачын сол тарапка сылап койгон болсо, тез бизге жетип кел.

- Эмне үчүн?

- Товар ушул ресторандын азык-түлүк сактоочу багажында. Кокустан бажыканачылар, же чек арачылар, же наркобизнес боюнча күрөшкөн органдын адамдары ийне-жибине чейин текшерип калгыдай болсо, тиги келинге жардам беришибиз зарыл. Окуя татаалдашып баратса акылга салышыбыз керек, жок ага болбойбу, анда-а... анда жан аямай жок. Курал бар. Түшүндүң го дейм?

- Жок... Бир нерсени түшүнбөй турам. Эмне, жүктүн керектүү документтери жокпу?

- Бар.

- Анда эмнеден коркобуз?

- Этиятсыздыктан. Сактыгынан эмес, суктугунан өлгөн сагызган эсиңдеби?

- Эсимде...

- Эсиңде болгону дурус. Ар бир өлкөнүн өз заң-закүнү бар. Шылтоо табуу оңой. Жолдо Казакстандын же Россиянын кызыл же көк шапкелерине жүктү алдырып койсок тиги күркүлгө эмне деп жооп айтабыз?.. Башыбыз топ этип ыргып кетет.

- Документтери талаптагыдай болсо, эмнеге тийишмек эле?

- Эх-х, - Ганы үшкүрүнүп алды, - Маңбаш балакай. Мейли, сага жеткире түшүндүрүш кыйын болду мага. Кыскасы, жарым саатка жетпей биздин, анан казактардын бажы постору. Жакындаганда келебиз.

Акчасы алдын ала төлөнгөн жаңгактарды уят болбой жеткирели деген экөөнүн далаалатын түшүндүм, бирок өтө саксыныштын кереги жок эле. Кызык, кыргыз жаңгагы Москванын базарларында небак сатылып жатат дечи, бирок тиги байдын атайын заказ менен жердин жети түбүнөн алдырып жатканын карабайсыңбы. Жаңгактардын айырмасы жок - өңү-түсү, даамы бипбирдей, баары тең Арсланбаптын жаңгагы. Москванын базарынан алдыра койсо, кайра арзанга түшмөк. Оңоор эмес акча коротуп, чачылмак эмес. Же, тиги күркүл эрке токолуна бир көрүнүп, өз кадырын көтөрүп коюуну каалады бекен?..

Чети же чеги билинбеген талаа менен поезд сызып баратты. "Така-так, така-так..." Анда-санда айыл-кыштактарды аралап өтүп жатты. Ар түрдүү үйлөр. Эки кабат заңгыраганы бар, эки-үч шыйпырын шамал учуруп дубалынын шыбагы сыйрылып түшкөнү бар, коргону мыкты тосулганы бар, дарбазасы жок, аңырайып ачык жатканы бар. Демек, үйдү көрүп кимисинде байы же кедейи, кайсынысында тың, сарамжалдуусу, же шалакы-бели бошу жашаарын билүүгө болот.

Бара-бара чокусун боз чалган бийик тоолорубуздун арасынан жыландай суурулуп чыккан поезд казактын даркан талаасын көздөй атырылып кирип баратты...

ххх

Вагон-ресторан кардалдарга карк болуп, отурууга орун болбогондуктан, көп жүргүнчүлөр кайра кетип жатышты. Ары-бери каттагандар тыйылмак турсун кайра күчөдү. Жүргүнчүлөр ар улуттан: орусу, казагы, уйгуру, тажиги - баары жүрөт.

Жолдогу бажыканачылар вагон-ресторанды жакшы деле текшеришкен жок. Биринчиден, ресторанда иштегендерди эң сонун таанышат экен, экинчиден, аларга ар дайым алып жүрчү ставкасын беришти. Ставкасы канча болорун билгеним жок, байкашымча шеф-ашпозчунун кабагына кар жаай түшкөнүнө караганда оңоор эмес акча узатышты көрүнөт.

Тарас менен Ганынын ички тынчсыздануусу басылып, өңдөрүнө кызыл жүгүрүп калды. Эмне үчүн мынчалык үрпөйүп, кабатырлана беришкендиктерине түшүнбөдүм. Мурда нечен ирет каттап, жедеп көнүп калгандай деле болушкандыр деп ойлогомун.

А дегенде казактардын учу-кыйры жок талааларында бирден-экиден жайыла оттоп жүргөн бир өркөчтүү төөлөр көзгө чалдыкты. Узун моюндары ийилип, сыңар өркөчтөрү соксоюп, кыламык кар баскан ээн талаанын ээлери катары улам-улам учурай берди. Кылчайып, карап же чочулап койбогонуна караганда күнү-түнү өйдө-ылдый тынымсыз өткөн поезддерге жедеп көнүп калышкандай.

Ар бир станция сайын курут-майын, кургатылган балык-салыгын көтөрө чуркаган казактын келин-кесектери, бала-чакасы, жабыла кирип келип, 5-10 мүнөттүн ичинде сатарын сатып, аларын алып, кайра түшүп кетүүгө үлгүрүп жатышты. Айрымдары станциядан станцияга чейин барып, шашпай коммерция жасап жүрө беришет экен.

Канткен менен базар экономикасы, капиталисттик коом казактарды да бир кыйла убайымга салып, кыйнап койгондой түрү бар.

ххх

Күндү күн, түндү түн дебей, улуган шамалга, буюктурган бороон-чапкынга да карабаган поезд мейкиндикти жиреген боюнча жаа оогундай сызып баратты. Кээ бир станция, вокзалдарга күнү, кээ бирине түн ортосунда токтоп жүрүп отурдук. Ошол караңгы түндө да жүк ташынган челнокчулардын опур-топуру, кобур-собуру тыйылган жок... Орун жетишпегендиктен жүк-пүгү менен аралаш тикесинен тик туруп бараткандары канча.

Бир күнү капысынан тааныш жүз көзгө урунуп, көңүлүмдү бурду. Эртең мененки күн нуруна чайынган даркан талаага суктана карап келе жаткамын. "Шар-рак" этип күч менен жабылган вагондун оң жактагы темир каалгасы оюмду бөлүп жиберди. Ал жылуу кочкул көк түстөгү дубленка кийгени менен жылаң баш. Беттери чыбыр, өңү сары, суюк чач, ооба, ошол- малбазардагы бир канча торопой сатып алам деп, мени тымызын көзөмөлдөгөн 21-94 деген жалган номерлүү ак волгага ээрчитип барган кардал. Турар... "Акырын жапсаң, болбойбу?" - деп ачууланган проводникти таназарына да алган жок. Мени бир чала-чарпыт тиктеп алган бойдон, таанымаксанга салып, плацкарттуу вагон тарапка өтүп кетти. Бул кыркы, балдакчан кексе чал Акбардын "бөрк ал десе, баш алчу" желдеттеринин бири экени талашсыз. Эмне кылып жүрөт? Өз жумуштары мененби же, дагы бизди шынаарлап, аңдып, тымызын сюрприз даярдап жатышабы? Албетте, жөн-жай алыс сапарга чыгышпайт, көздөгөн максаттары, түзгөн план-сценарийлери бар.

Жүгүрүп эми эле чыбыр бет Турар жапкан темир каалганы ачып, кийинки вагон-плацкартка өттүм. Көк дубленка көрүнбөдү. Отурган, турган жүргүчүлөрдүн жыйылган чоң сумкаларынын арасынан байкалган жок. Маңдайдагы эшикке жеткидей болгон эмес, демек орто тушта оруну бар.

Шашыла кайтып келип, купеге кирдим. Тарас-чапан кайыш курткасын кийип жатыптыр.

- Эмне болду, жолборсум, көздөр алайып?

- Тааныш бирөөнү көрдүм...

- Жердешиңби?

- Жок, өтө шектүү... Коңшу вагонго өтүп кетти.

- Кантип билдиң, шектүү экенин?

- Жүзүнөн, көз карашынан...

- Коркуттубу же тийиштиби? Же бир нерсе дедиби?

- Жок...

- Хе-хе, сенин эмнең жолборс? Көлөкөсүнөн корккон коөн болбо! Сүрөттөп берчи: өңү-түсү кандай, басканы кандай?

Мүмкүн бул таанып жүрбөсүн деген ой менен элестүү сүрөттөп кирдим:

- Беттери чыбыр, сарычийкил, суюк чач, эткелирээк киши, басканы...

лонуп калдым, бирок басканын эсте каларлык туурап берүү мүмкүн эмес эле.

- Болду, болду жүр, ресторанга, чай-пай ичип, шам-шуң этип келели. Ары-бери өткөндөрдүн барынан шектене берүүгө болбойт, студент.

Ачыгын, болгон окуяны Тарас-чапанга айталбадым, анткени: "Чыбыр бетти кайдан тааныйсың?" - десе, сөөк-өчтү, келишпес душманы Акбарды атоого туура келет. Натыйжада, булардын изине аларды мен ээрчитип келип салган болом. Кызык, мүмкүн Хасан-Шоханы Акбар жайлатканын Тарастар билишет болду бекен? Ким билсин, "душмандары иттин кара капталынан" - деп Акбар канкакшап айтты эле, мүмкүн бөлөк криминалдуу группанын ишидир? Неси болсо да, чыбыр бет бекер желип-жортуп жүргөнү жок. Эмне кылыш керек? Жүрөктү кооптонуу сезими ээлеп алды...

Түшкө жуук проводник чапжаак, талбай сүйлөгөн арык эжени ээрчитип келди. Турмуштун катаалчылыгын көргөнүн катмарланган чеке жана бет тырыштары айтып турду.

- Жигиттер, бул эже Самарага чейин тиги бош орунга жатып барсын.

- Берилбейт! Төрт орун үчүн тең төлөгөнбүз, билетти сага канча жолу көрсөтүш керек?! - деди Ганы тиги келинди табы сүйө бербей карап.

- Самарага чейин эле барам, - деди келин сөзгө кыпчылып.

- Болбойт, эже, капа болбоңуз, күткөн кишибиз бар.

- Жаш жигит, тоңуп жети-сегиз сааттан бери тикемен-тик туруп тамбурда келдим. Ажаатты ач, бир жигиттик кылып кой. Төрт баланын энесимин. Сенин да энең бардыр? Сөөктөн өтүп, чучукка жеткен суукка чыдабай баратам. Балдарыма жарым жан эмес, алты саны аман эне керек. Ысыкка күйүп, суукка тоңуп жүрүп, сени да эне баккандыр, ырайым кыл?!

Ганы канткен менен жоошуй түшкөнсүдү эле, аны байкап калган келин дагы өтүндү:

- Тигиниңер келери менен бошотуп берем...

- Самарадан ары бош орундар көп болот, - деди проводник.

- Шефтен сурап көрөйүн, бул маселени ошол чечет, - Ганы мени суроолуу карады, - Жоробек, сен Тарасты чакырып койчу.

Бекер турган орунду сактаганда не пайда? Ресторан-вагонду көздөй чуркадым. Бала-бакырасын соода-сатык менен багам деп Россиянын шаарларын түрө кыдырып кеткен келин-кыздарыбыз толтура. Ошол байкуштардын биридир...

Тарас-чапан буркурата тамеки чегип, ойго чөмүлө мелтирей отурган экен. Келгендигимдин себебин угары менен ордунан атып турду:

- Эч кимге берилбейт!

...Күзөт кезеги бүтүп, ордумду Ганыга бошотуп берерим менен укташ үчүн купеге келдим. Түн ортосунда да кайрадан күзөттө турууга туура келет, ошондуктан бир аз эс алып алууну ойлодум. Анын үстүнө Мадинанын Зина жөнүндөгү сырдуу кеби, Зинанын табышмактуу жорук-жосуну, телефондогу коштошчудай болгон өкүнүч аралашкан сүйлөшүүсү, албетте, анан оорулуу апам жөнүндөгү санаалар баары башымда жөө тумандай самсып, кой сыяктуу өйдө-төмөн удургуп жаткан. Ошол тынчты алган ой-санаадан кичине болсо да алыстап алууну ойлодум.

Жаагы-жаагына тийбей сүйлөгөн эже көндүрдүбү, же проводникпи айтор, Тарастын жаалы кайткан. Тарас төрт баласына карабай кеткен тигинин ичкич, чоңмуштум, эгоист эри тууралуу момурап угуп жатыптыр.

- Өлүгүнгөрөйүн куутумшук арактан арттырып арбайган арам сийдиктерине алты тыйын да кайрылышып койгон жок. Бу ар-рам өлгүр, өзүнөн жети жаш улуу жесир аялдын үстүнө кирип алып, култуюп гана анын чоң баласындай болуп жашап жүрөт. Анысы койнун ысытканга курсант, беркиниси колкосун ысытканга курсант. Ушундай, Тарас, эркектин арампөшүнө, ташбооруна туш болуп, таш толгон араба сүйрөп жүрөм.

- Алимент төлөбөйбү?

- Ошол куутумшук алкашка күнүм түшүп калыптырбы! Өлүп-тирилсем да балдарды өзүм эле багып алам...

- Самарада эмне товар сатасың? Көтөрүнгөн жүк-нең деле көрүнбөйт...

- Тамак жасап сатабыз. Эки келинбиз, экөөбүз тең - жесирбиз. Манты, лагман, шашлык дегенди жерге тийгизбей алып кетишет. Үлгүрбөй калган күндөрүбүз да болот. Тапкан-ташынгандарды чогултуп, улам үч-төрт айда бир, бирибиз бала-бакырадан кабар алып турабыз.

Эженин жолшерик болгону жакшы болду. Болбосо, Тарас-чапан экөөбүздүн сүйлөр сөзүбүз небак түгөнгөн. Экөөбүздү бириктирген бир гана кызыкчылык бар, ал - акча... Утур-утур купеден чыгып, билгизбей эки жакты текшерингенден, кез-кез: "Кайсы жерге келдик?" - деп эки проводниктин биринен сурап койгондон башка ал үн катмак эмес.

- Кыргыздар көппү?

- Ой. айланайын, тим эле сайдын ташындай шагырайт. Байып-бапырап, ошол жактан там-таш сатып алып, ооматы келгени бар, багы башынан тайып, банкрот болгону бар, аракечи, алдамчы афөру бар, журтта калып, жугунду сураганы бар, айтор, толтура. Бөтөн жер, бөлөк элде жүрүп, орун талашып чачташкандардын, өлөр-тирилерине карабай мушташкандарын кантесиң? Өлбөгөн төрт эле шыйрагың калат. Кадам сайын милиция текшерип турат. Убагында учөтко турбасаң, - камайт, штраф төлөйсүң. Азап-тозогубуз Ала-Тоодой...

- Никесиз эле бири-бирине үйлөнүп алгандар бар дейт...

- Ананчы... "Беш кол тең эмес" - дегендей, ар кыл адамдар бар. Ага-тууган, курбу-курдаштан алыс калганга "өздөрү билип, өтүктөрүн төргө илип" жүрүшөт...

Айна эже ар бир жакындан билген челнокчунун тагдырын тарыхка жазып бергендей баяндап жатты. Ким менен кимдин жашыруун сүйүшүп жүрүшкөнүн, кимди аялы издеп келип, ойношу менен кармап алганын, ким акча алдап кеткенин... Дагы, дагы...

Сүйлөгөн жагат экен, ажары ачылып, көздөрүнө нур толуп, бууккан чери жазылып, эс алып...

- Өзүңөр эмне товар алып баратасыңар?

- Жаңгак, - деди Тарас сыймыктана үн көтөрүп, - 5-6 тонна.

- Уу-у - көп турбайбы! Каерде жүгүңөр?

- Товарный вагондо...

ххх

...Кызуу уйкуда жатып, кимдир бирөөнүн күчтүү колу жаздыгымдын астына сойлоп кирип жатканын сездим. "Апам" - дедим уйку-соонун арасында жатып. Уктаганы жатканымда же эртең менен апам төшөгүмдүн жанына чөк түшүп отуруп алып, балышымды оңдоп, төшөнчүмдү кымтылап калчу. Эмнегедир бул жолу апамдын колдору олдоксон, оройураак, эркектердин күңкүл кобур-собуру угулгансыйт. Күчтүү шуулдаган добуш "Така-так, шака-шак"... Коңгуролуу саатыбыз ушинтип чыкылдап калганбы? Бузулса керек. Аялдын үнү угулгансыйт: "Тургуз". Ии, жайлоодо турбайбызбы, шуулдаган үн тоо дарыясыныкы, кечинде агытылган кулундуу бээлерди тиги кырдан желеге айдап келсин деп тургузалбай жатышкан турбайбы? "Апа?" десем үнүм чыкпайт. Таянып тура калайын десем колум кыймылдабайт. Салмактуу нерсе былкылдатпай басып тургансыды. Эгер жайлоодо болсок, анда эмне үчүн таң эрте безеленчү торгойдун үнү угулбайт?..

Учтуу, катуу, таштай муздак нерсе чекеме такалды.

- Тур! - деген өктөм үнгө аралаш жанатан бери денемди ныгыра баскан басырык заматта тарап кетти. Дуулдаган, шарактаган поезддин үнү ачыла түшкөн кулагыма шак урунары менен кайда баратканым шарт эсиме түштү. Эки күн катары менен уктай албай койгондуктан, бүгүн көзүм катуу илинип кетиптир.

Таң ата элек экен. Чекеме пистолет такап чыбыр бет турат. Купенин ичиндеги светтин күңгүрт жарыгынан улам, а дегенде эмне болуп кеткенин аңдай албадым.

- Тез кийин! - деди чыбыр бет буюра.

Ооз тушта арык, сөлдөйгөн кавказдык жигит турат. Эки колу тең курткасынын чөнтөгүндө. Жаздыктын алдынан курал издешкен көрүнөт. Кечээ вагон-ресторандан сөндөгөйдү эки жолу көргөм, бирок жалгыз отуруп тамак жеп кеткен. Грузин, же чечен же башка экенин айрый албадым. Көрсө, чыбыр бет менен бир компанияда турбайбы. Аялдын үнү угулуп жаткансыбады беле? Жемпиримди кийип жатып кечиндеги сүйлөөк келин жаткан үстүңкү катарды карадым. Ал эки колун көкүрөгүнө кайчылаштырып суурдун эркегиндей чокчоюп отуруптур.

Эки колун желкесине алган Тарасты эңкейип, зекий тиктеди да:

- Башчысы ушул, баарын билет. Жаңгактар кайра ээсине кайтарылышы керек, - деди көзүнөн чаар чымын учуп. Кечээги араккеч эркектин азабын тарткан байкуш келиндин кейпи азыр башка. Олуттуу, токтоо. Купенин эшигин да ушул келин ачып, булардын шек билгизбей тымызын киришине шарт түзгөнү билинип турат.

- Товар кайда? - деди чыбыр бет.

- Товарный вагондо, - деди Тарас ишенимдүү.

- Жалганды энеңе айт, андай товарды жаныңдан карыш жылдырбай кал. Кана, биздин убактыбыз аз, айтасыңбы?

Тарас-чапан үндөбөдү.

- Кана, Борья?

Сөндөйгөн жигит Тарасты камынтпай туруп ээктен ары бир тепти. "Карс" деген үн чыкты. Мага Тарастын ээги сынып кеткендей сезилди. Бул учурда мен сапожкамды кийип бүтүп калган элем. Бир тепкенине алымсынбай калды окшойт, бутун кайра шилтей берерде сапожкамдын кырын кырсөөгүнө тосо койдум. "Аа-ий" деп тиги бутун кучактай калган мезгилге удаалаш чыбыр беттин тапанча кармаган колун бурай кармап, колтугунан өтө калдым, заматта анын башы ылдый карап, куралы үстүңкү орундукта керсейип отурган келин тарапты көздөп калды. Ошол эле учурда ыңгайын келтирип туруп ооруган бутун кучактаган сөндөгөйдү эшикке жабыштыра тептим. Дагы бетке катар-катар сокку берип, биротоло эсин оодарсам болмок, бирок чыбыр беттин иттей күчтүү оң колун эки колдоп араңдан зорго кайкалата бурап турганым жолтоо болду. Катуу ооруксунуудан улам ал онтоп жатты. Глушителдүү тапанча "тып" этип атылды.

- Тара-ас! - дедим бакырып.

- Борь-я-я! - деди келин алаңдап.

Эсине келе калган Тарас ыргып туруп, өйдө боло берген сөндөгөйдү күү менен барып баса жыгылды да, анын башын үч-төрт жолу темир босогого ургулап жиберди. "Тып" этип тапанча дагы бир жолу атылды. Жан айласы кылып жаткан чыбыр беттин огу сая кеткен жок. Келин: "Апа-ай!" деп коркунучтуу чочуп алды да, моюнун кош колдой басып калды. Тура калган Тарас чыбыр бет Турардын колундагы сороюп турган тапанчаны өзгөчө бир ыкма менен сууруп алды. Көлтөйгөн оор денелүү чыбыр бетти орундукка жыга түрттүм.

- Колду желкеге ал, байкеси! - деди Тарас тигиге курал кезей. Коркконун же тоготпогонун билдирбеген чыбыр бет колун көтөрөр көтөрмөксөн болуп баратты эле, чыдай албаган Тарас тигини тумшук талаштыра бир муштады. Анын базгандай чоң муштуму тийген жер соо коймок беле, мурун ылдый кан жайыла берди. Кавказдык кыбыраган да жок. Жини шакардай кайнаган Тарас аны биротоло тынчыткан окшойт.

Окуя көз ачып-жумганча болгондуктан, акыл-эсимди жыя албай калдым. Үч-төрт мүнөттүк тар купедеги мушташ түшүмдө болуп жаткандай сезилип турду. Эми эмне кылыш керек? Сөндөгөй менен келинди кайда катабыз?..

Тарас-чапан чаар беттин коюн-колтугун бир сыйра тинтип чыгып, эки бүктөлүп, өлүү менен тирүүнүн ортосунда жаткан сөндөгөйгө барды. Анын чөнтөгүндө кнопкалуу бычактан башка эч нерсе жок экен...

Үстүңкү орунтуктан келиндин кыңкыстаганы күчөдү. Астындагы шейшептер канга чылана түшүптүр.

Тарас купеден баш чыгарып, эки тарапка көз жүгүртүп алган соң, кайра эшигин жапты да, күтүлбөгөн жерден шарт эле келинди башка атты. Ал ошол замат тынчып калды. Ошол учурда "тарс" эткен үн угулуп, Тарас оң колун чапчый калды, бирок кайдан-жайдан колунда тапанча пайда боло калган чыбыр бетти жыга атууга үлгүрдү. Жанараак Тарас кыңкыстап жаткан келин тарапка өткөндө мени далдоолоп калган, ошондуктан Турардын экинчи куралын каеринен сууруп чыкканын байкабай калдым.

Ооруган колун басып, саамга отура калган Тарас сүйлөнүп алды:

- Чөрт, эми буларды ким жибергенин кантип билебиз? Үчөөнү тең жайлап салдык...

Поезд шарактаган бойдон сапарын улап баратты. Тарас тигилердин чөнтөктөрүн оодарып, эч кандай документ таппады.

- Карма буттан, - деди ордунан чапчаң тура калган ал чыбыр бетке баш жаңсап, - Урушта туруш жок, тез булардан арылбасак болбойт. Жандарында документтеринин жогу жакшы болду. Токто, а дегенде терезени чоң ач.

Купенин ылдый түшүрмө айнегин ачаарым менен аркыраган суук шамал атырылып кирип келди. Биринчи чыбыр бетти, экинчи какбашка бир ок жеген сөлдөгөйдү, андан кийин кан болгон шейшебине ороп, жеңил салмагы бар келинди ыргыттык.

Ошентип, ажал издеп келген үч бейтааныштын денеси учу-кыйры билинбеген, түңкү караңгылык чөгүп жаткан Казакстандын даркан талаасында калды.

- Бол, бол, жолборсум, купени иретке келтирели.

Экөөбүз матрацтарды заматта тартипке келтире салдык.

- С-сука, - деди ачууланган Тарас, - Божурап жатып, кулагыбызга лапша илген экен...

- Кимди? Келинди айтып жатасызбы?

- Ошону... С-сука!

Ал этияттап жемпирин чечти. Ичиндеги көгүш көйнөктүн чыканак тушуна кандын изи түшүп калыптыр. Ок булчуң этти учкайырак чырпып өткөн экен.

Шейшептин четинен бинт сыяктуу айрып алып, анын жаратын бекем таңдым.

- Шектенгениң ушул чаар бет беле?

- Так өзү. Сиз маани бербей койбодуңузбу?

- Иттики десе... Буларды шимшип келет деп ким ойлоптур?

- Кимдер булар?

- Бир кудай гана билбесе, пенде билип болбойт. Жок дегенде бирөө тирүү калганда, ка-ап!

- Чаар бет тапанчаны кайдан алып чыга калды?

- Кончун текшербедим эле.

- Бизде жаңгактан башка да товар барбы?

Ал мага өткүр көздөрүн кадай тигиле карап турду да:

- Сен мыкты иштедиң, Жолборсум. Хасан жаңылбаптыр... - деди соо колу менен далымдан таптап, - Бекер оозкөптүргөн эмес экен!

Суроомду кайталап туруп алдым, анткени бир аз болсо да эмгек сиңирдим, батынып өзүм ынтызар нерселерди билип алууну кааладым.

- "Кемеге түшкөндүн жаны бир" дейт Тарас аке, чынын айтыңызчы, жаңгактан башка да товарыбыз барбы?

- Бар, - деди.

- Кайда?

- Бекем жерде... Сен ал товарды Москвага жеткенде билгениң оң болот.

- Товарды ээсине бериш керек дебедиби, бирөөлөрдөн тартып алдыңар беле?

- Тартып алганбыз, бирок алар бизге 2 миллион сом бересе болчу... Эң башкысы булар кимдер, биздин артыбыздан ким жиберди? Мени ушул суроо кызыктырып жатат... Же биздин балдардын бири – стукач, же... кандай десем, же аңдып жүрүп, изибизге түшүшкөн... Сен бирөө жарымына бабырабадың беле?

- Жок...

- Таң калыштуу.

- Ганыдан кабар албайлыбы?

- Түү-ү ат-а, эсиме жара чыккан тура, кеттик - деди шашкалактап, - Токточу, сен тапанча ата аласыңбы?

- Кармап көргөн эмесмин.

- Үйрөнүшүң керек, Москвадан келген соң өзүм машыктырам, - деген ал эки куралдын тең окчонтоюн сууруп алып, терезеден алыс ыргытты.

- Бекер кылдыңыз, кереги тиймек.

- Айгак болот, өзүмдүкү жетет, - деди матрацтын алдынан жалтылдаган тапанча алып чыгып, - "ТТ!.

- Кеттик...

Поезддин тарак-турагы менен шуулдаган үнүнө аралаш бир калыпта солкулдаганы гана болбосо, кооптоно баш баккан, чочулай караган эч ким болгон жок. Чамасы чыбыр бет аткан тапанчанын үнү купени ачуу жаңыртканы менен, сыртка даана угулган эмес окшойт. Жадагалса проводниктердин да дайны билинбейт.

Вагон-ресторанда үч-төрт гана киши шам-шум этип отуруптур. Биздин официантканы кезегин өткөрүп берип, кызуу уйкуга кирген жеринен таптык.

- Отурган, эмне, ордунда жокпу? - деп кайра бизге суроо узатты.

Бири-бирибизди карап калдык. Ганы жөн-жай дайынсыз кетпейт эле. Бир шойкомго туш болгонун жүрөгүбүздүн тереңинде сезип турдук. Издеш керек. Вагондон вагонго өтүп, үч-төрт проводниктен сурап көрдүк. Эч ким, эч нерсе билбейт. Жер жуткансып, ал дайынсыз жоголду да калды...

Поезд кезектеги дагы бир станцияга жакындап калды.

Тарас-чапан экөөбүз үмүтүбүз үзүлүп, чарчап, вагон-ресторандагы "бронь" столубузда маңдай-тескей отуруп алып, көңүлсүз чай ичип отурдук.

Демек, бизде жаңгактан сырткары да Акбардын шайкасын кызыктырган кымбат товар бар. Ал эмне? Албетте, ал - нашаа. Апийимби, героинби же марихуанабы? Болсо, анда ал кайда, кантип катылган? Биздин изибизге Акбар кантип түштү? Алар ортомчулук менен, тагыраак айтканда, законсуз жолдор менен: уурдалып, тартылып, алданып алынган мүлктү ээсине кайра өндүрүп берүү жолу менен жан багат. Колунан товарын алдыргандар Акбарга кайрылышкан...

Ишибиз татаалдашып баратат. Москвадан кимдер, кантип күтүп алышаар экен? Лейтенант Обозкановдон кабар жок. Же Нурбек телефон чала алган эмес, же жаңгак үчүн жер түбүнө чейин убара тартууну каалашпаган. Болбосо, эмдигиче анын жигиттеринин бир-жарымын көзүм чалмак...

- Ганыга эмне болду деп ойлойсуз? - деп оңтойсуз сурап алып, кайра суроомду оңдодум, - Кайда кетти деп ойлойсуз?

- Ал кетпейт болчу... Сволучтар, анын көзүн тазалап койдубу деп коркуп турам. Андай болсо, арга жок... Артыбызга кайрыла албайбыз.

Тарас тамеки күйгүздү. Сыртынан кейигени, же күйгөнү билинбейт. Мындай оор жагдайларга, жоготуулар менен кокустуктарга жедеп көнүп бүтүптүр.

Эгер Ганынын ордунда мен болгондо, мага да куду ушундай мамиле кылышмак. Карлуу талаада түлкү, чөөгө жем болуп, сөөгүм сөпөт болмок да, дайынсыз жоголмокмун. Бир гана апам сыздамак... Оорулуу жаны ого бетер азапка түшүп, ансыз да жесирликтин өксүгү картайткан байкушум, ыйлап жашы түгөнүп, арыктап сөөгү гана калмак... Мадиначы? Ал көз жаштап да коймок эмес. Бул дүйнөдө барым менен жогум, ага бирдей эле болсо керек. Көп болсо таежеме кошулуп өкүнүмүш болот беле? Сыздаса, азап тартса, ордумду жоктосо - Зина жоктомок... Аз калды. Чыда Зина. "Ринг" операциясы аяктары менен кайрадан кездешебиз. Ысык, азарттуу күндөр али алдыда...

ххх

Россиянын ак кар жамынып түнөргөн, бой тиреше керилген карагай, кайыңдуу токойлорунан, уч-кыйыры билинбеген талаа-түздөрүнөн, муз каптаган жазы дарыяларынан, кооз айыл-кыштак, шаарларынан өтүп жүрүп отуруп, акыры Москвага жакындап калдык.

Кезектеги станциядан бой-келбеттери келишкен төрт жигит тосуп алышты. Булар мени тымызын кызыктырган өтө табышмактуу, эрке токолдуу күркөлдүн кызматкерлери экенин айттырбай сездим. Мурдатан пландаштырылса керек, себеби Тарас-чапан "тездетпесек болбойт" - деп шаштырып жатып, вагон-ресторандын багажына бекем катылган жеринен он коробка жаңгактарды тамбурга ташып чыгууга үлгүргөнбүз.

Биз менен тоңдоосун учурашкан албеттүү жигиттер жүктү жапжаңы "Газель" чакан автобусуна заматта жүктөй салышты да, чогуубуз менен жолго чыктык. Эмне үчүн берки "товарды" албадык? Же жаңгактардын арасына бекитилгенби?.. Кантип эле? Эгер азыр трассадан автоинспекторлор же наркобизнеске каршы күрөшүү бөлүмүнөн текшерип кала турган болсо, анда канттик? Азыр артыбыздан түшүп, каерге барарыбызды аңдып келе жаткан болушсачы?

Шектүү ойлор тынчымды ала баштады. Арт жагыбызды уурдана карай баштадым. Бир ак мерседес автобусубузду бучкактай, оңго бурулсак да, солго бурулсак да, калбай келе жатты.

Жанымдагы орус жигитти чыканагым менен нукудум:

- Аңдып келе жатышат.

- Коркпо, ал биздин машина, - деди жылмайып.

Бир кезде трассадан чыгып, аппак сыр менен сырдалган чоң дарбазасы бар короого кирдик. Короо ичинде боорунда кызыл сызыгы бар, буткалуу, электриктердин көк түстөгү ГАЗ-53 автомашинасы токтоп туруптур.

Тарас-чапан менен Виктор деген жигит экөө бир коробканы көтөрүп түшүп, үйгө кирип кетишти да, 15-20 мүнөттөн соң, кайра көтөрүп чыгышты.

Виктор:

- Жигиттер, жүктү тигиге салгыла, - деди ГАЗ-53тү колу менен жаңсап.

Жаңгактар эми ГАЗ-53 кө тегиз жыйылып, үстүнө толгон-токой темир тезектерди, ором-ором зымдарды үйүп салышты. Товар ишенимдүү маскировкаланган соң, кайрадан сапарыбызды уладык.

Кыштын кыска күнү тез эле кечке тартып, иңир кирип келатты. Бозомуктанган асман бетин бербей кинодогу бомбалоочу самолеттордой жайнап, түнөгүнө кайткан каргалар менен жарышып, жээктери күрөндүгө толгон тегиз жолдо сызып бараттык. Мемирөөдөн улам үргүлөткөн уйку пайда болду. Жолдогу поезддин тарак-турагы кулактан кетпей жаңырып жатса да, чаалыккан дене-бой жаңы табигаттын көрүнүшүнөн, бейтааныш үйлөргө болгон кызыгуудан ажыратып, терең уйгуга азгырды...

...Көзүмдү ачсам Москванын чет тарабы менен сызып баратыптырбыз. Болгону 10-15 мүнөт уктасам да, уйкум канып калыптыр. Сыртта караңгылык. Кең жол толтура автомашина. Каршы тараптан чыккан курч жарыктардан көз жалтанат. Асман түнөрүңкү тартып турганы менен түңкү шамдардан улам Москванын мен бала кезде телевизордон, кинолордон көргөн айрым бийик имараттары көрүнө калып жатты.

Бир кезде ГАЗ-53 трассадан чыгып, бак-дарактар жээктей өскөн тар көчөгө бурулду да, жарым саат жүргөн соң, эки кабаттуу, аппак, эвропалык стилде курулган, чоң короолуу үйгө келди...

Виктор менен Саша, Тарас-чапан төртөөбүз "Мерседес" менен кайттык. Калгандары жүк менен кошо табышмактуу ак сарайда калышты. Чамасы, жаңгактар мен кызыккан күркөлдүн эрке токолунун колуна аман-эсен тийди көрүнөт. Шектүү товар тууралуу ой бир жагынан кызыктырса, экинчи жагынан таңдандырды. Апийим алып келдикпи? Же кокаинби? Бир коробканы Виктор менен Тарас-чапан эмне үчүн көтөрүп кетип, кайра алып келишти? Товарды текшерип көрүштүбү? Демек, жашыл коробканын жарымы нашаа окшобойбу? Үчөөнүн көңүлдөрү көтөрүңкү, демек сделка ойдогудай болгон. Жанараакта "Эми, жолборсум, бир укмуш эс алабыз дейсиң, өмүр бою унутпайсың!" - дегенге үлгүргөн Тарас-чапандын сөзү чыгып, жүзү жагалданып чечекейи-чеч. Жолдо дайынсыз жоголгон Ганы жөнүндө ойлоп, кабыргасы кайышканын байкабадым. Жексур иштерге аралашып жүрүп, мындай оор жагдайга жедеп өзүн көндүргөн көрүнөт...

"Сауна-казино" деген кызыл- тазыл, өчүп-жанган жазуусу бар имаратка келдик.

Виктор менен Сашаны бул жердин кызматкерлеринин итинен битине чейин таанышкандарынан уламбы, четинен баш ийкеп, кээ бири кол берип ушурашып өтүп жатышты. Натыйжада, Тарас-чапан экөөбүздү эч ким токтотподу.

Таптаза, жаркыраган коридорлор менен оңго-солго бурулуп жүрүп отуруп, бир кезде төмөн түштүк. Ным, самын жыттанган аба мурунга урунары менен саунага кирип келгенибизди сездим. Бизди служебный эшик менен алып кирди окшойт, анткени саунада эс алып жаткан кардалдар көрүнбөдү.

Эки жансакчы экөөбүздү толук тинтип, Тарастын жалгыз тапанчасын алып калышты.

Эң биринчи төрдөгү калың, жумшак дивандарда чалкалай отуруп, карта ойноп отурган эки киши көзгө урунду. Бирөө өтө семиз, коюу, куу мурутчан, кашка баш, экинчиси тетирисинче - арык, денеси татуировкаланган түркүн сүрөттөргө толгон, көкүрөгүндө тырмактарын арбайткан бүркүт, сол жак ийнинде сулуу кыз... Мунусунун да чачы жок.

- А-аа, "Чапан", келишиң менен! - деп ушул арыгы ордунан козголду. Экөө бири-бирин далыларынан тапташып, жарым мүнөтчө кучакташып турушту. Демек, мени бир жагынан кызыктырган, экинчи жагынан таңкалтырган табышмактуу күркөл ушул окшойт.

Ортолукта стол ордуна жылаңач кыздын экөө эки жакты карап, төрт аяктап турушат. Мамактары жерчийет. Далы ортолорунда күлтүшүргүч, жоон сигарлуу куту, бел туштарында карталар чачылып жатат.

- Виктор, товар кандай экен?

- Мыкты, Александр Карпович!

- Ай-да, ай да, жарайсың. "Чапан!" - деген күркөл Виктор сунган кочуш жаңгакты "ишендим, жөн кой" дегенчелик кол шилтеп, Тарас-чапанды далы ортого таптап жатты.

Сырттан кирген жарым жылаңач сулуу кыз балык алып келип чөк түшкөн кыздардын үстүнө койду. Күркөл семиз досуна Тарас-чапанды тааныштырып жатып, "көкжал" кыргыз деп мактап өттү. Мени жансакчысы деп ойлоду окшойт тиктеп гана койгону болбосо, көңүл бөлгөн жок.

- Ка-ап, ка-ап, - деди арык күркөл Чапан кулагына бир нерселерди шыбыраган соң, башын кайгыра чайкап, - өкүнүчтүү...

Бул жакта туруп, тигилер Шоханы сөз кылып жатышканын сездим. Менден жашырып-жаап жатышат. Тарас-чапандын акыбалын түшүнүп турдум. Ал ар бир сөзүндө, жасаган ишинде түрдүү амал-айлаларды пайдалануу менен мени өзүнө жакын кармап, болор-болбос нерседен чочутуп албоону көздөөдө.

Төртөөбүз чечинерибиз менен ак шейшептерди көтөрүнгөн жарым жылаңач кызматчы кыздар кирди. Эзелки тааныштардан бетер жылмая караган сулуулар баш ийкей саламдашып алышкан соң, сылап-сыйпап, эркелеткенче ак шейшептерди денебизге ороп, бирден жетелей басып ысык буулуу бөлмөгө алып киришти. Алар менен бирге парга бууланып, бассейинде сүзүп, массаж алып, көпкө эс алган соң, Александр Карповичтин үстүнө кирдик.

Ичкиликтердин сандары көбөйө түшүптүр. Тэйбл кыздар орун алмашып, башка – кара чач, кара көз кыздар келген экен. Сашанын айткандарына караганда стол ордуна пайдаланылгандарды "тэйбл" кыздар деп аташат экен. Айлык акылары - 700 $ га жетет. Ошончолук азабы бар. Кардардын катуу чапкан картасына, ачуусу менен басып алган тамекинин чогуна кыңк этпей чыдоого милдеттүү. Бирок, интим сунуш кылынбайт. Ал үчүн башка бөлмөлөр бар. Жанатан бери мага оролушуп, душка кирсем жуундуруп, жатсам массаж жасап, оң келе калса өөп-жыттай коюп, массаж жасоо үчүн жаралган, көлөкөдөй ээрчиген көгүлтүр көздүү Катя аттуу кыз да бул жерге кирбеди. Чамасы, биздин үстүбүзгө кирбөө тууралуу буйрук берилген көрүнөт. Ар бирибиз ысык пардан соң, жеңилдеп, кебездей жумшак диванда жанжыргай чалкалап отурдук.

- Биздин кыздар кайда кетишти? - дедим жанымдагы Сашага кайрылып.

- Киришпейт. Уруксат жок.

Түшүнүктүү болду, демек бул жерде жашыруун сөздөр сүйлөнүп, келечектеги иш пландар ортодо талкууланат.

- Буларчы? Эмне үчүн чыгып кетишпейт? - тэйбл кыздарга ээк жаңсадым.

- Алар сөз түшүнүшпөйт.

- Кандайча? Кулактары укпайбы?

Саша күлүп алды:

- Вьетнамкалар... Орусча беш-алты гана сөз билишет.

Кичине бойлуу кыздарга кызыга көз чаптырдым. Далысына күлтүшүргүчтүн ысык табы өтүп кеттиби же, күркөлдүн семиз досу сигарынын чогун жаңылыш түшүрүп алдыбы, айтор, экөөнүн бири ийнин байкалар байкалбас кыймылдатып жатты. Ошондо да кургур кыз жылмайганынан жазган жок.

Күркөл Голландиядагы "Кофе-шоптор" жөнүндө айтып жатты.

- Мамлекет гашиш, марихуана сыяктуу нашаанын жеңил түрүнө уруксат берген. "Кофе-шоптордо" түрү менен сатылат. Жашы жетелектерден башкасы каалаган мезгилде келип, пайдалана беришет. Түшкөн киреше-казынаныкы.

- Бизде ушул ыкманы пайдаланса кандай болор эле? - деди семиз.

- Болбойт!

- Эмне үчүн?

- Себеби толтура. Эң жөнөкөй түшүндүрсөм - алар өтө маданияттуу, кантип, канча пайдаланышты билишет. Өтө коркунучтуусуна, мисалы, кокаинге жолошпойт. Эң жаманы - биз эң пайдалуу бизнесибизден кол жууйбуз!

- Туура, - деди семиз күркөл досун чын дилинен колдоп. Колундагы балыктын сөөгүн тэйбл кыздардын жонуна ыргытты эле, кыздардын бирөө көзүн жумуп жиберди. Чамасы, балыктын кылканы этине сайыла түштү окшойт. Күркөлдөр орус арагын, пиво, а биз апельсин ичип отурдук.

- Мен колумдагыны Орто Азиянын көкжалы "Чапан" үчүн алып жибергим келип турат! - Александр Карпович ордунан турду.

Бардыгыбыз ордубуздан турдук да, Тарас-чапан үчүн чөйчөк көтөрдүк.

Сөз нугу эми Бутырск түрмөсү жөнүндө жүрүп жатты. Мен сүйлөнгөн сөздөрдөн улам бул кириминалдуу топту түрмө турмушу бириктиргенин байкап калдым. "Шоха", "Чапан", күркөл, семиз-төртөө чогуу баланда жеп, дубактардын токмогунун даамын бирге сезип калышкан.

Семиз, кашка баш, калың муруттуу ууртун бир жагына кыйшайта жылмайып, жоон сигарынын күлүн тэйбл кыздардын жонуна чертип түшүрдү.

Адамдын кыйналганын көрүп, ошондон ырахат алган жырткыч, дөөгүрсүгөн киши экен.

- "Чапан" укчу, Кытайга вертолөт сата алабызбы?

- Сүйлөшүп көрсөк болот, уйгур бизнесмендери менен байланышыбыз бар.

- Во, демек, ошол жигиттердин каналы аркылуу издөө сал.

- Официалдуу документтер керек...

- Ал жагынан кадырың жан болсун... Транспорт министрлиги менен бирдикте иш кылабыз. Алар Ми-8 вертолөтунан эскирди деген шылтоо менен 9 даананы списание кылышкан. Чындыгында, алар 10-15 жылдык кызмат жасоого даяр. Себеби, бир жыл мурун капиталдык ремонттон өткөн.

- Бир даанасы канча турат?

Владимир Федорович эки манжасын соройтту. Тарас-чапан түшүндүм дегенсип баш ийкеди.

Мен ойлонуп калдым. 2 миллион сомбу же долларбы? Мүмкүн 20 миллиондур? Семиз, куумурут - Владимир Федорович да чириген байлардын биринен көрүнөт. Күркөл менен теңата сүйлөшүп, тизекагыштыра отурушу да бекеринен эмес.

- Кардал тапкан болсоң, списание болгон вертолөтторду бажыканалардан текейден арзан өткөрүп беребиз.

- Таанышыңыз барбы?

- "Металлолом" деген транзиттик документ менен жөнөтөбүз. Вертолөттор запчастарга бөлүнөт, Кытайга өткөн соң, кураштырып беребиз. Каалашса эки инженер, эки учкучту үч, төрт айга калтыруу колдон келет.

- Владимир Федорович, мен сөзсүз аракет кылам.

- Аракет кыл, "Чапан", Кытайга баары керек, бөз сатсаң да өтөт...

"Сауна-казинодон" чыгып, күркөлдүн дагы башка бир дачасына барып эс алдык. Саша биз менен болду. Москваны кыдырдык, тарыхый жайларга чейин бардык. Шаар аралап жүрүп, Бишкек Москванын чакан көчүрмөсү экенин байкадым...

Төртүнчү күн дегенде "Москва-Бишкек" багытындагы ТУ-154 самолөтуна салып, узатып коюшту.

Учуп келе жатып, тымызын жүрөктү эзген ойдон арылып, көңүлүм көтөрүлө түштү. Москвага жеткенге чейинки поездеги кагылышууну угуп, ошого ыраазы болгон күркөл Александр Карпович чөнтөккө салган 300 $ дан улам эмес, "кандай болот?" - деген сарсаң ойдон кутулуп, аман-эсен кайтып баратканыма сүйүндүм...

IV бөлүм

... Бөлмөмдүн эшигин кимдир бирөө күч менен такылдатып жатты. Караңгы болгондуктан түн ортосунан ооп калган го деп божомолдодум, себеби жатакананын ичиндеги тынчыбаган кобур-собур менен кошо бөлмөлөрдүн биринен болбосо биринен үзгүлтүксүз сыбызгып турчу музыкадан дайын жок. Кооптуу көп күн менен түндү баштан кечирип, жакшылыктуу кирпик какпай өлгүдөй чарчаган жаным бут серпкенге дарман жетпей, өлүк менен тириктин ортосунда жаткамын. Биралдын жанга жагымдуу мемирөөдөн ажырап калуудан коркуп, ордумдан козголгум келбеди. Көптөн бери мынчалык тынч, жыргап уктай элек элем. Бирок, түнкатып мага келип, залда турган неме жайыма коө турган эмес.

- Бул ким? - дедим козголбой туруп.

- Абылмын, ач эшигиңди!

Ал кирери менен мен жылдырган орунтукка карабай бош калган Нурбектин керебетине отурду да, чалкалай дубалга жөлөндү.

- Ии, түн катып кайдан келдиңиз?

- Кайдагы түн? Эми араң кеч кирбедиби. Саат жети жарым болду - деди саатын карап.

Көрсө, үч гана саат уктаптырмын.

- Нурбекти кайда кууп жибердиң?

- Мал болсо кууп жибердим деп айтат элем... Москвадан келсем - жок, көчүп кетиптир.

- Москвадан?

- Москвадан... Нурбек силерге телефон чалбады беле?

- Эмне деп?

- Поезд менен Шоханын балдарына кошулуп, Москвага шашылыш жүк алып кетип жатат деп...

- Чалган жок. Обозканов "тап" деп чачын жулганынан издеп келсем сени: "апасы ооруп айылга кетти" - деген.

Таңдана Абыл акени карадым:

- Акмак, го? Оозу-мурду кыйшайбай туруп ошондой дедиби?

- Калп айтчу курактан өтпөдүм беле... Москвага эмнеге бардың?

- Кокаин жеткирдик.

- Кокаин?

- Ооба. Жаңгактарды жигинен ажыратып, ичине кокаин салып туруп, кайра клейлеп салышыптыр...

Көздөрү алайган Абылга өткөндөгүдөй бардык окуяны төкпөй-чачпай айтып берүүгө туура келди...

- Нурбекке ишенсем ал теңирден тескери иш жасаган турбайбы.

- Товар жеткирген үй эсиңде калдыбы?

- Калбады... Бизди шаарга чейинки станциядан тосуп алышты. Андан ары машинелер менен кеттик. Өзүм дагы кирпигимден тартса жыгылчудай болуп, чарчап бардым эле. Бирок, наркобарондун "штабы" болгон "Сауна -казинону" көрсөтүп бере алам.

- Аларда туруктуу штаб болбойт, тез-тез алмаштырып турушат. Да-а, демек, ломбардды тоноого катышкан дагы бир уурудан айрылдык. Же, Ганы тирүү калды дейм, ыя?

- Айталбайм...

- Тарас-чапандын жанында эми башка фигуралар пайда болот. Поездде силерге кол салгандар Акбардын кишилери эмеспи?

- Ошолор, анткени Турар Акбардын кишиси. Бирок, биздин товар менен жөнөп жатканыбызды билип алгандарына айран таңмын.

- Шоханын шайкасында Акбардын адамы бар.

- Мен дагы ошондой го деп ойлоп калгамын. Шайка негизги уюгуна мени али аралаштырбай жатат. Керек болгонумда гана илип кетишет. Бул жолу тике өлүмгө жөнөтүшүптүр.

- Алардын көпчүлүгү - зектер. Баштары иштегени менен өздөрү алсыз. Бири - учук оору, экинчиси - карыган, үчүнчүсүнүн дагы башка себеби бар. Ошондуктан сендей алдуу-күчтүү жаш жигиттерге муктаждыктары күчтүү. Жи Шан менен беттешүү уюштурабыз дегендери - утопия. Сени жанагыдай иштерге пайдалануу үчүн ойлонулган болуш керек. Бирок, "Ринг" операциясынан үмүт үзбөй туралы.

- Кырылдак чал "булардан алыс жүр" - деп эскертүү берген, ал кишиге Москвага менин да кошо баргандыгым тууралуу маалымат жетсе, ишим - куржун. Өч алдырары бышык.

- Коркпо, бир тал чачыңды да түшүртпөйбүз. Демек, бизге баары айкын болду. Эртеңден баштап сен биздин көз алдыбызда болосуң. Шарттуу эки белгини эстеп кой: Тарастын кишиси келсе, бир колуңду бооруңа алып, коркунуч болсо, ийниңди же жеңиңди кар күбүгөндөй күбүп кой.

- Алар эми бир-эки жума коңулга кирип кетет.

- Күтөбүз. Аңдыганыбыз аңдыган. Бул Обозкановдун тапшырмасы.

...Абыл чыгып кеткен соң, Нурбектин жөн-жайын билиш үчүн Амангүлгө жөнөдүм.

Ал бөлмөсүндө практикалык сабактарга даярданып, жалгыз отуруптур. Лекцияда барпайтып таштап койчу кара чачын төбөсүнө чокчойто түйүп алган.

- Ай, Жоробек, кайда жүрөсүң? Нурбек досуң "жылкы теппей, жылан чакпай" туруп, окуусун таштап кетти!

- Себеп?

- Себебин эч ким билбейт.

- ...

- Отур, чай ичебиз.

- Рахмат, мен сенден Нурбекти сурайын деп келдим эле. Буркан дагы себебин билбестир.

- Жо-ок, ага дагы эч нерсе айтпаптыр, болгону Айгүл Сейдалиевага гана "Опурталдуу бир ишке аралашып алдым, айылга кетип кутулбасам, кутула турган эмесмин" - дептир.

Амангүлдүкүнөн кайтып келип, караңгы бөлмөдө үн-сөзсүз ойго батып жаттым. Нурбектин эмне себептен Обозкановго телефон чалбаганы, Абылга калп айтканы түшүнүксүз. Эмне үчүн мындай ишке барганына башым жетпеди. Эки жыл кыйналып жүрүп эптеп окууга өттү эле, аны таштап кеткени өкүнүчтүү. Опурталдуу кандай ишке аралашышы мүмкүн? Кырылдак чал Акбарды айтып жатабы? Бирок, аларга Нурбектин кыпындай да кереги жок, көзөмөлдөгөнү - мен. Ал үчүн эч коркунуч жок. Кээде сүйрөп тургузуп, илээндиленген жеринен күчкө салып сабакка ээрчитип кетчүмүн, же ошол жалкоолугу күчөп, аргасыз университетти таштоого туура келди бекен?..

Зина эсиме түштү. Эмне кылып отурат болду экен? Телевизор көрүп жатса керек "Сабак окушум керек" - деп күйгүлтүккө түшкөнүн көп деле байкаганым жок. Бул маселе боюнча анда проблема жок. Биринчиден, англис тилин мектепте жүргөндө эле мыкты бүтүргөн: эркин сүйлөй жана жаза алат, экинчиден, атасы чоң посттордун бирин ээлеп тургандыктан ага ыдык көрсөтөр бирөө-жарымы чыга коюшу мүмкүн эмес.

Негедир аны көргүм келип туруп алды. Элден башкача эркелегенин, жароокерленгенин сагыныптырмын. Кайдагы бир өлүм менен өмүр теңтайлашкан, көлөкөңдөн коөндой коркуп жашоо кечирген күндөргө туш болуп калдым? Андан көрө айчырай Зинанын жандай басып, түнкү Бишкектин диско-клубдарын түрө кыдырып, бийге, ырга, виного мас болуп, шарактап шайыр күндөрдүн даамын тартсам болбойт беле? Али кеч эмес. Аңдый беришсин. Кеттим Зинага.

...Үйдүн коңгуроосун узакка чейин басып турдум. Эч кандай шыбырт угулбады. Бир жактарга кетсе керек деген ой менен каалганы максатсыз түртүп көрдүм эле, ачылып кетти. Кулптанбаптыр. Ичкериден мага тааныш болуп калган гитара күүсү акырын сыбызгып жатты. Үй ичинен башка шыбырт чыкпады. Чачылган буюм-теримдердин көпчүлүгү жерде жатат. Көп күндөрдөн бери үй ичи иреттелбегени байкалат.

- Зина?!

Ал күзгүлүү бөлмөдөгү уктоочу диванда энеден туума жылаңач жатыптыр. Катар тийиштириле коюлган эки жаздык бир укмуштай тырышып, уйпаланыптыр. Демек, Зинанын жанында кимдир бирөө болгон да, менин келериме жакын чыгып кеткен.

- Зина...

Козголболду. Өтө сак, сергек Зинада кыймыл жок. Тармал чачтары аппак шейшепке төгүлүп, аппак жамбашы дөмпөйүп, керилген тулкусу келишимдүү суналат. Бирок, ошол суналган сулуу тулку кимдир бирөөнүн алдында тебеленген... Негедир, ичим сыздай карап турдум.

Капысынан тумбочка үстүндөгү ичи күйүндү болгон темир тарелканы көзүм чалды. Жанында колдонулган шприц жатат. Бир башкача "селт" деп алдым. Кантип эле? Мадина четин чыгарган Зинанын сюрпиздеринин бири ушулбу?

Чалкасынан оодардым да колдорунун кантамырларын текшердим. Майда чекиттер жайнайт. Сайынып жүргөн экен.

- И-и, аа, - деди ал көзүн ачып, - Жакин, кетпе! Бир жатсаң болду, качасың, хи-хи. Аялыңдан коркосуң, шүмшүк! Ха-ха...

Мен үн катпадым.

- Жора!? Сенсиңби? Келчи жаталы, жаман көрбө-ө, мен небак түгөнгөн аялмын. Хи-хи... Алданганмын. Келчи, эми?! Коркпо, тийип алат деп коркпо. Сага энесинен башка өппөгөн кыз керек. Мен тарпы чыккан келинмин. Хи-хи.

Бирок, мурдагыдай мойнума асылбады. Алсырап бүткөн экен.

- Хи-хи-хи... Көрдүңбү кандай кыз экенимди? Каалайсыңбы, жат. Мен сага стриптизге түшүп берем. Мүмкүн оральный секс кааларсың? Уялып жатасыңбы? Эй, тоолук, кармабайсыңбы? Мамагың сонун дечү эмес белең? Хи-хи...

Ал ары-бери оодарылып күлүп, туйлап, өзүнчө жыргалга батып жатты. Аялуу жерлеринен бери көрүнүп турганына назар бурган жок. Эгер азыр менин ордума атасы же апасы кирип калганда не деген гана жосун болор эле?

Же, ички иштер бөлүмүнүн замминистри чектен чыгып бараткан кызына алы жетпеген соң, үй сатып берип "башың баш, багалчагың кара таш" -деп атайы бөлүп койду бекен?

Зинанын аяк тарабында тебилип жаткан жуурканды түрүп барып, жылуулап жаап койдум. Үй ичи ансыз деле жылуу экен.

- Кач-тыңбы? Менден баары качат. Силерге мен эмес, менин эмнем керек экенин биле-ем!..

...Жүрөгүм канап, көңүлүм ооруп, түнкү тынчтык уюган кышкы көчө менен акырын басып бараттым. Таман алдымдан "кытырт-т-кытырт-т-т" деп, кар кычырайт. Түнөргөн түнкү дүйнөдөн сезимге түн түшүргөн жагдайдын жүйөөсүн издегенсийм. Келип, келип бардык ой-толгоолорумдун этеги көрдүйнөгө, тагыраак айтканда - акчага барып такалып жатты. Акча үчүн баарына барышууда. Адамдык аруу касиеттерден арылып, карөзгөй, мерез, эгоист болуп бараткандар толтура. Нашаа соодасы кара жыгачка окшоп тамырын терең жайып баратканы жашуурун эмес. Наркобарондор шаар ичине жөргөмүштөй желе тартып, ага колунда байлыгы, бийлиги барлардын чөнтөгү калың балдар-кыздарын алдоо, азгыруу жолдору менен илээштирип, аларды өздөрүнүн түбөлүк "кулуна" айландырып салышыптыр. Ошол тартылган желелердин бирине он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек Зинаны Эрмек аркылуу түшүрүшкөн. Карачы, кандай гана жароокер, ак көңүл, акылдуу кыздын келечегине балта чабышканын, акмактардын...

Айланамдагыларга абайлай көз таштап аялдамада бир аз турдум. Аңдыйт деп сактанганым жок. Себеби, Акбар али-бери биздин Москвадан аман-эсен кайтканыбызды уга элек болуш керек. Ал Турар баштаган топтун телефон чалышын күтүп жатат. Эгер Тарас-чапандын бандасындагы тыңчынын гана кулагы чалып калбаса. Ал эми Тарас-чапандардын ишенимине дээрлик кирдим десем болот.

А Зина болсо ээн, кулптанбаган үйдө жалгыз калды. Жароокер, жанга жабыз, көңүлүмө эң жакын адамымды ошол акыбалда таштап кетемби? Кайра барбасам болбойт.

Артка кайттым. Мүмкүн, дарылансачы?

ххх

...Ойгонсом үстүмө одеял жабылып калыптыр. Диван креслодо ойлонуп отуруп, таң атаарда гана көзүм илинип кеткен экен. Убакыт кыйла болуп калганын сездим, себеби күн кыйла көтөрүлүп калгандыктан, анын шооласы күзгүлүү бөлмө ичин жаркыратып жибериптир. Баш-аягымды жыйнап алып, сабакка биротоло эртең барайын деп чечтим ичимден. Апамдын да жөн-жайын Канымдан билишим керек. Кураторубуз Айгүл Сейдалиеванын жарасы жеңил. Тилин табыш иттей оңой. Бир куту шоколад, бир бөтөлкө жакшы маркадагы вино болсо болду, атасынын да кунун кечип жиберет. Демек, эжекенин көңүлүн алыш го оңой дечи, бу Зина менен кантип сүйлөшөм?

Ашкана тараптан идиш-аяктын кагышканы, крандагы суунун шорголоп акканы угулуп турду. Зина бир нерсе даярдап жүргөнсүйт. Ошол эле учурда анын мени көздөй келаткан жеңил кадамы угулду. Көзүмдү жумуп, уктамыш болуп калдым. Ал басып келип, уктоочу диванына отура кетти. Капысынан ойгонгонсуп, эки колумду жая керилип барып анан көзүмдү ачтым. Зина оттуу көздөрү менен кабатырлана карап туруптур. Көздөрүн ала качып, терезе тарапка бурулду. Канткен менен өзүн карап, бой-башын жасанып-түзөнгөнгө үлгүрүптүр.

- Кандайсың, Зина?

- Өзүң көргөндөй... - ал жер тиктеп, оор ойго чөмүлүп отурду.

- Качантан бери?

- Эки жарым жыл болду.

- Дарылан, ташта бул өнөрүңдү. Таштай аласыңбы?

- ...

- Москвадан акча таап келдим. Сени адис-врачтарга алып барайынбы?

- ...

- Зина, неге унчукпайсың?

- Жакинди сен кубалап жибердиңби?

- Жок. Сени көргүм келип... Келсем эшигиң бекитилбептир. Жалгыз жаткан экенсиң.

Ал шаабайы сууй бир аз отурду да оор улутунуп алды:

- Сен мага үйлөнбөйсүң, Жора, аны билем, бирок, менин келечеги, максаты жок чыныгы жашоомду билбесе экен деп ойлодум эле, болбоду... Чыныгы сезимимди арбаган адамды капысынан жолуктуруп калып, ага сүйөнүп, ага таянып, караанын пир тутуп, бир аз болсо да жыргап жашап турайын деген элем.

Көздөрүнүн кычыктарын жаш каканактап, ыйлай албай буулугуп турду. Тыпыйып отурганына, ак дилинен айткан сөздөрүнө арбалып, аны баары бир аяп кеттим.

- Келбей койбодуңбу! Келбей койдуң... Түшүнбөдүң мени. Жардын кырында бир бутум салаңдап турганына баамың жетпеди. Кечир, сенин күнөөң жок, Жора, күнөө - өзүмдө. Жаштыгыма таяп, талкалашты, акмактар! Жеп, мүлжүп, агартып сөөгүмдү гана калтырышты. Эми, бул жолдон кайталбай калдым, себеби... мен сайынбай туралбайм...

Зина өксүп ыйлап кирди. Чыдабадым. Жанына отурдум да, кучагыма тарттым.

- Мен... ме-н үчүн баары бүттү. Өлүшүм гана калды...

- Эмне деп жатасың? Оозго келгенин оттой бересиңби? Андан көрө жакшылыктан үмүт кылып жаша. Дарылан.

- Төрт ай жатып чыккамын. Чыгарым менен Жети-Өгүзгө - чоң энеме кетип калбаптырмын. Көлөкөмдөй ээрчип, оозума кармап, мурдума жыттатып жүрүп, кайра азгырып кетишти. Эми кеч болуп калды, кеч...

- Жаныңда болоюн, каалайсыңбы? Бирөөнү да жаныңа жолотпойм.

- Керек учурда келбедиң... Эми түштөн кийин кереги жок. Эми аларды өзүм издөөчү болгомун. Ушундай, Жора.

Ал күтүүсүз жерден ордунан тура калды.

- Курсагың ачкандыр, жүр, жумуртка кууруп койдум.

...Экөөбүз маңдай-тескей отуруп, тамактанып жаттык. Анын тамакка табити тартпай турду. Тарелкасындагы жумурткаларды вилка менен сайып, меникине салды.

- Зина, кел, дагы бир ирет дарылан. Ата-энең менен да кеңешип көр. Сен дарылатканга жетерлик акчам бар.

- Атам мени менен сүйлөшпөйт. "Сендей кызым жок" - деп менден кечип койгон. Апама гана кыйын болду. Ошол байкушту кыялбайм. Болбосо... болбосо небак өз жанымды өзүм кыймакмын.

- Оозго сала берет, этияттап сүйлөп жүр. Анын үстүнө өз жанын өзү кыюу - күнөө. Жаназасы окулбай калат.

Зина унчуккан жок. Ойлонуп отурду. Тунжураган, чөккөн, ичинде чоң өкүнүчтүн алоо өртү жалындаган анын жашоодон такыр үмүтү үзүлгөндөй. Кантип көңүлүн көтөрсөм?

- Бүгүн шаар аралап эс алалыбы?

Мени карабаган бойдон акырын баш чайкады.

- Бир өтүнүчүм бар.

- Менденби?

- Сенден... Аткарар белең?

- Колумдан келеби?

- Келет.

- Айт, аткарам.

- Кийин айтам... Эми, Жора, мени жалгыз калтыр, суранам. Сенин алдыңда өзүмдү ыңгайсыз сезип, жаман кыйналып турам.

- Кет дебе, жаныңда турайын...

- Өзүңдү зордоп кереги не?

- Университеттеги окууң кандай?

Ал кайдыгер кол шилтеп койду да, тетири бурулду. Мындай кайдыгерликтен улам аны окуусун таштаган экен деп түшүндүм. Экөөбүз үн-сөзсүз көпкө чейин тунжурап отурдук.

Негедир кетким келбей турду...

ххх

Кышкы сессия аяктап баратты. Ал ортодо Тарас-чапан "Балбанга" келип мага эки жолу жолугуп кетти. Жанында күзүндө Ганы экөө бак ичинен жолуккан узун чач, көздөрү бүтүк, өңү купкуу жигит жүрөт. Жи-Шан менен болгон беттешүү февраль айына белгилениптир. Күнүн так айтпаганынан улам, куу зектин алды-артын ойлоп, ар кандай кокустуктардан сактанып жатканын байкадым. Машыктыруучум экөөбүзгө толгон-токой убадаларды, перспективалуу пландарды айтып, акчага карк кылышты унуткан жок.

Эмнегедир Канымды иштеген жеринен таппай калдым. Жумуштан кетип калыптыр. Цехтегилердин эч кимиси дайын-дарегин билбейт. Мен дагы эжесинин үй номерин алып калбаптырмын. Апам алардан кеп-сөз айтмак же, кат жазып жибериши мүмкүн болчу. Үйдү өлгүдөй сагындым. Ини-карындаштарымды, апамды эстесем жаман болуп кетем. Айла жок. Акыркысын тапшырарым менен учуп жөнөйм. Мүмкүн таежеме телефон чалгандыр деп, бир күнү алардыкына бардым.

Таежем каратору, кой көз, отуз жаштар чамасындагы үй кызматкери экөө телевизордон телесериал көрүп отуруптур. Өткөндө Москвадан күрөң түстөгү, орто жаштагыларга ылайыктуу сумка сата келип белек кылгамын. Мактанып калган.

Тилекке каршы апам булардыкына да телефон чалбаптыр.

Мадина биз тамактанып бүтөрдө келди. Чогуу майда-чүйдө маселелерди сүйлөшүп отурган соң, экөөбүз бөлүнүп анын бөлмөсүнө кирдик.

- Сенин Зинаң окуусун таштап салды.

- Эмне үчүн "меники"?

- Артынан жүгүрүп жүрбөйсүңбү?

- Керек болсо мен ага сентябрдан бери жолуга элекмин...

- Кантип эле?

- Ишенбесең өзүнөн сура.

- Сурабайм.

- Телефон чалсам албайт. Үйү бек турат...

- Үйүндө. Бекинип алчу адат таап алган. Жора... Ал эси жок кыздын бутуна чалынып, азабын тартышыңды каалабайм. Ачык айтпасам болбой калды... Ал – наркоманка.

- Билем...

Мадина: "Бул кайдан билип алган?" - дегенсип, сынай карап калды да, сигарет алып, диван керебетине отурду.

- Мына көрдүңбү?! Зина - бүткөн адам. Айыкпайт... Ата-энеси эки жолу дарылатып көрдү. Болбоду.

Он жыл чогуу окуган курбусуна кымындай жылуулугу жок, мерез мамилеси менин итиркейимди келтирип, таңкалтырды. Биринчилерден болуп жардамга жетип барчу киши Мадина го?

- Сен дагы кокаиндин даамын татып көрсөң керек?

- Көргөмүн... Апам катуу киришпегенде, балким... Кыргызча да жакшы сүйлөй албай калмакмын.

- Зинага жардам берели.

- Ата-энесинен артык биз кандай жардам бере алмакпыз? Ал экөөбүздү тоготуп да койбойт!

- Айтсаң, түшүндүрсөң болмок.

- Айтып жүрүп тилим тешилди.

- Ишенбейм... Көргөн жерде тиш кайрайсың. Анын сенден төмөн болушун гана каалайсың. Ичиңден таруу айланбаган көрө албассың! Мерезсиң, өзүмчүлсүң!

- Эмне, эмне дедиң? - ал ордунан тура калды.

- Начар адамсың, Мадина!

- Сенчи?! Жакшысыңбы? Тооктукундай мээң жок үчүн тарпы чыккан Зинанын койнунда жатып жүрөсүң!

Айтаарга сөз табалбай калдым.

- Ооба, өзүң сүттөй аксың...

- Мени Зинага салыштырба! Таптазамын. Эрик менен кучакташып койсо, бүткөн экен деп ойлобо! Муну карап кой, папам киши катарына кошуп койсо, койкоңдоп калыптыр! Эки ооз орусча билбей, эки килограмм кириң менен келбедиң беле?! Эми мага акыл үйрөтүп, сынтага турган болуп калдыңбы?..

Мадина сөөгүмө өткөрө сүйлөгөндүктөн оозума келмем келбей калды.

Ошол маалда таежем таңкала башбакты.

- Экөөң бакырышып жатасыңарбы? Эмне болду?

Унчукпай тынчтанып калдык.

- Мен жатаканама кеттим...

- Бүгүн жатып кет, таптакыр жолобос болуп, бизден оолактап баратасың. Эмил да "кайда жүрөт, көрүнбөй калды го?" - деп сурап жаткан.

- Башка жолу...

Таежездемкинен ызага батып, арданып, ачууга буулугуп чыктым. Бирок, Мадина "тоокчолук мээң жок" деп туура айтат. Бардык иш Зинага азгырылгандан баштап татаалдашып, бала болуп башыма жүн чыкканы көрбөгөн окуяларга аралаштырды. Өмүрүм менен топташтай ойной баштадым. "Ринг" операциясы деп катуу киришкендери менен лейтенант Обозкановдун сотрудниктери дагы башка кылмыштуу иштерден колдору бошобой калды да, менин тагдырымды бычак мизинде калтырышты. Өзүмө өзүм душман ашырып, сактанып басып, "эмне болуп кетер экен?" - деген коркуу сезими элейткен күндөрдү баштан кечирип калдым.

Мүмкүн Жи Шан менен беттешүүдөн баш тартсамчы? Анда Тарас-чапан жайыма тынч койбойт. Мындан сырткары 3 миң доллардан куржалак калам. Тобокел, беттешип көрөйүн. Ошондон соң, алардын сунуштарынан баш тартып, өз жолум менен кетип, официалдуу спорттук карьера жасаганым оң. Дүйнөнүн чемпиондугу үчүн ат салып аракет кылууга неге болбосун?

...Тоңгон көчө менен жатаканамды көздөй ат желишке салып жүгүрүп жөнөдүм.

ххх

...Көңүлдү түпөйүл кылып, жүрөктү өйүгөн ойлордон утурумдук болсо да алысташ үчүн гитара ойноп отурдум. Шаарга келип, анын бөтөн, бейтааныш, сырдуу сезилген табышмактуу жашоосуна аралаштырган, бири тууганчылыгы, бири жан дүйнөсү менен жакын эки кыздын экөөнөн тең көңүл ооруп, демим сууп турган.

Гитаранын муңдуу күүсү жүрөк кылдарды дирилдетип, армандуу дүйнөнүн алашалбырт өрөөнүн жаңырта сыздап жатты. "Желекчелер желге учкан, желге учкан, көктөм жытын көк жуткан. Тулаң чөбүң туйлабайт, такыр төштүү талаадан таңшып торгой ырдабайт, ыраң кайда кулпурган, ырсайраңга туш кылган? Азган-тозгон күзгү күнүң курусун, курусун... Кайда көркүң, кайда бөркүң, кайда-а, кайда-а, канаке?!" - деп сыздаттым гитараны.

Күү таасири бетмаңдай отурган Бурканды да ойго салып коюптур. Жаак таянган боюнча кыйлага чейин тунжурап турду. Өзгөргөн замандын оорчулугу бул жалганда боору бүтүн, жүрөгү таза бирөө-жарымын да калтырган эмес окшойт...

Бул чыгарма Зинанын дайыма күзгүлүү бөлмөсүндө жаңырчу цыгандардын муңдуу гитара гүүсүнүн таасиринен улам жаралган. Кээ бирде дыңкылдата коюп жүрүп, улам ойногон сайын мукам кайрыктарын байытып, диапозонун кеңейтип отуруп, бүтүн бир чыгармага айланып баратат.

Буркан кеч күздөн баштап бир тууган агасыныкына чыгып кеткен. Курсагынын тогун, жылуу үй төрүн жогору санады көрүнөт. Эгер лейтенант Обозканов суранбаганда мен дагы токпечке сайынып, ачка-ток калып томсоорбой министрдин үйүндө кулжебестерди жеп жүрмөкмүн. Же өз арыгымды өзүм чаап, өз киндигимди өзүм кесип, туура кылдымбы?...

Экөөбүз лекция анан машыгуу учурунда гана көрүшпөсөк, башка учурларда эки башка жакта жүрөбүз. Ал менден бөлөк группада машыгат, ошондой болсо да чечинүүчү жайда чогуу душка түшүп, чогуу кийим которуп турууга туура келет. Негизгиси, курсташ кыздар-балдардын басымдуу көпчүлүгүн сыртынан гана көрүп, ысымдарын билип, кээ-кээде аз-аздан сүйлөшүп калганым болбосо, алар менен камур-жумур аралашып кете элекмин. Чолоо тийбейт, убакыт аз. 5-курска жеткенге чейин эченинин сырын билип, чагырдай аралашып кетермин деп ойлоп коөм. Андан сырткары спорттук болор-болбос кадыр-баркымды, анча-мынча хулиганчылыгымды угуп калышкан балдар менден өздөрүн оолак кармоого аракет кылышканын байкоочумун...

- Таасирдүү күү экен... Кимдики?

- Цыгандардыкы.

- Койбойсуңбу?! Кыргыз күүлөрүнүн колорити даана байкалып турбайбы.

- Жактыбы?

- Абдан жакты.

Бүгүн машыгууга барбай турган күн болгондуктан, лекциядан чыгып, англис тилинен практикалык сабакка даярданыш үчүн менин бөлмөмө келгенбиз. Ушул өңдүү жаттаткан сабактар гана кыйнабаса, кесиптик багыттагылары жеңил, бир сыйра окуп койсоң түшүнөсүң...

- Нурбек университетти себепсиз таштап кетпейт эле, Буркан.

- Жалкоолугу кармады, - деди ал шыр эле. Анын мурдатан эле ушундай бүтүмгө келгенин билдим: - Кийинки айларда илең-салаң болуп, мойнунан байлаган иттей болуп жүргөн.

Кайрадан унчукпай калдык.

Ошол учурда эшик чала-була чертилди да, "кире бер" дегиче болбой Каным шып кирип келди. Көздөрү кооптуу, коркуп алган.

- У-ушх, ырас бөлмөңдө турбайсыңбы!

Ордумдан турдум да, гитараны керебеттин үстүнө таштадым.

- Кел, Каным? Бирөө-жарымы коркуттубу?

- Мастар. Экинчи кабатта турушат, жолумду тосуп, өткөрбөй жинди кылып жиберишти.

- Буркан, көрүп келчи?

- Тиштерин күбүп коөлубу?

- Анда соттолобуз, башкача сүйлөшөбүз, - "Байкап келчи" - дегенсип Бурканга баш жаңсадым. Ал чыгып кетти.

- Мушташпагыла, чоң балдар экен... - ал чарчагандай үшкүрүнүп алып, столго отурду.

- Кайда жүрөсүң, издеп таппай калдым. Жумуштан чыгып кеттиңби?

- Айылда жүрдүм. Атам ашказанынан операция болуп, апам карап жатты. Мен үйдө инимди багып, мал-салга көзөмөл болуп жүрдүм.

- Жакшыбы азыр?

- Дурус. Үйгө чыгарып келдик...Айылга кетерде сага келсем Нурбек деген группалашың бар экен. "Мен айылга кетем, Жоробекке сөзсүз берип койгун" - деп мынабу катты калтырган.

Ал мага жука

конвертти сунду.

- Эжеге жолугуп, жакшы кабар алып келдим.

- Кайсы эжеме?

- Апаңачы... - ал уялгансып кызарып кетти.

- Ии-и, оозуңа май, ал кандай жакшы кабар?

- Эженин оорусу - анемия экен.

- Кайра догдурга көрүнүптүрбү?

- Ооба, областык оорукананын врачтары ушундай диагноз коюптур. Райондук ооруканадан дарыланып жатам дейт.

- Рахмат, Каны, жакшы кабарың үчүн!

Сүйүнгөнүмдөн токтоо, ыйбалуу кызды жакшы кабары үчүн "Каны" деп жибердим. Кубана турган жаңылык. Караган тиктегеним, каралдым, жөлөгүм апам биздин багыбызга операциядан аман калып жатат.

Үстүмдөн кимдир бирөө оор жүктү алып таштагандай жеңилдей түштүм. Сырттан Буркан кирди.

- Баягыл сен сабаган үчөө. "Азыр түшүп келет, карындашын капа кылып коюптурсуңар" - десем куйруктарын кыпчыган бойдон жоголушту.

Буркандын сөзү Канымга кандай таасир калтырганын байкай албадым, анткени ал өткөндөгү сумкасынын боосун кармалаган бойдон ак же көк деген жок.

Экөөнү тааныштырып: "сүйлөшүп отургула" - дедим да Нурбек калтырган сырдуу катты окуш үчүн балконго чыктым.

"Жоробек, досум, көп жакшы үмүт-тилектер бар эле, анын баары ишке ашпай кала турган болду. Баягыл "жаналгычтар" мени кармап алып: "тилди албасаң атып кетебиз" деп коркутуп, мени сенин баскан-турганыңа, кимдер менен жолугушуп, эмне жөнүндө сүйлөшкөнүңдү айтып турууга мажбурлашты.

Москвага жөнөп жатканыңды аларга кабарлаган соң, өзүмдү жаман акыбалда сезип жүрдүм. Сага, эң жакын досума чыккынчылык кылып, өмүрүңдү коркунучка кериптер кылганымды сездим. Кечир, досум. Ойлонуп көрсөм мындай акмакчылык кайталана берчүдөй. Акыры окуумду таштап, айылга кетпесем болбойт деп чечтим. Бир колотунда жатып алып, атамдын коюн багып, тынч жашайм. Шартың болсо, Алайга келерсиң.

Мен чын жүрөктөн кечиришиңди тилеп - Нурбек".

Демек, Акбарга кабарды Нурбек берген турбайбы! Кулактарым делдейип, шалдырай түштүм. Лейтенант Обозкановго эмне үчүн телефон чалбаганы эми түшүнүктүү болду. Эх, Нурбек, Нурбек, аз жерден жарык дүйнө менен кош айтышып, сөөгүм Турар, Ганыларга окшоп Казакстандын даркан талаасында көмүлбөй калбаганын укканда кандай абалда калаар элең?.. Коркок!...

Кайра өзүмдү-өзүм тыйып, болгон окуяга туура баа берүүнү эп көрдүм. Нурбектин кулк-мүнөзү кийинки күндөрү кескин өзгөрүп, түнт болуп кеткен. Көрсө, жанагыл "жангечтилер" койгон шарт аны тымызын кыйнап, эмне кылар айласын таппай жүргөн тура. Анын баөлугун пайдаланып, мен аркылуу Шоханын шайкасынын изине түшүшмөк. Шоханын көзүн тазалоо аларды канааттандырбаптыр. Акмактар, жоош, шумпайлык менен өмүрү бет келбеген, тоодой бийик максат менен тынч күн өткөргөн карапайым жигиттин да шаабайын суудуруп, шагын сындырышыптыр. Ка-ап, бекер жаныма жакындатыптырмын. Зыяным тиерин билгенде... Ошол күнү Мадиналардыкына ээрчитпей койгондо, балким, Нурбек бейгапар окуп жүргөн болот беле... Болгон ишти мага ачык айтып, бир аз кеңешип койгондо, мүмкүн жолун табар белек? Жүрөгүн түшүрүп, өлөрчө коркутуп коюшкан окшойт, болбосо анча-мынчаны тогото койчу жигиттерден эмес эле...

...Суук аяз кулактарымды үшүтүп, тыз-тыз чымчым чымырата баштады. Аппак шейшеп жамынгансыган тегерек-чет, бак-дарактар, заңкайган кабат үйлөр кечки иңирди күтүп үргүлөшкөнсүйт.

Чоң көчөдө элдин баары жумуштарынан үйлөрүнө кайта башташкандан уламбы, айтор автоагым көбөйө түшүптүр...

ххх

...Тарас-чапан жатаканада күтүлбөгөн жерден пайда болду. Студенттердин алды жатууга камданып калган. Анын жанында өткөндөгү узун чачтуу, бүтүк көз, купкуу жигит менен мурду бир жагына кыйшыгыраак, кара тору, суйдаң муруттуу орто жаштагы бирөө жүрөт. Кийингендери көздү кызартат. Кооз, жарашыктуу, кымбат баалуу пальто, тумактар. Булардын сырткы түрүн көргөндөр: "Акыл-эс, интеллектуалдык деңгээли менен ак эмгек жасап күн көргөндөр го?" - деп ойлошоору бышык. Көрсө, кийим адамды арам, адал деп бөлбөй, кимисине болсун жараша берет турбайбы.

"Жаңгак" сапарыбыздын жыйынтыгы берекелүү болгону байкалат...

- Кеттик, - деди Тарас отурбай туруп.

- Кайда?

- Алма-Атага, сен күткөн учур келди, жолборсум! Күчүңдү бир көрсөт!

- Бүгүнбү?

- Жо-жо-ок, бүгүн аман-эсен жетип алсак, жакшылап эс алсак, эртең кечинде өкүрүп-бакырып: "Жолбо-орс, жогот, же!" - деп сүрөп турабыз.

- Бир күн мурун айтып койгонуңуздарда...

- Неге? - кыйшык мурун алакан жайды: - Сабагыңа эч жолтоо болбойт, эртең – жекшемби, мелдеш аяктаган соң, ошол замат Бишкекке кайтабыз.

Мындай капысынан капыл-тапыл жөнөп калышыбыз мүмкүн экенин билип жүргөмүн, бирок, бүгүнкүдөй түз жатаканадан алып кетет деп пландаштырбаптырмын. Өткөндө Москвага жөнөгөндөгүдөй мукураганда жарым күн мурдараак эскертишет го деп күттүм эле... Эмне кылыш керек? Обозкановдорго кантип кабар билдирем? Зинага телефон чалсамбы? Ал сайынып алган болсо, сөзгө маани бербейт, ишениш жок. Мадиначы?

- Таежемдин үйүнө телефон чалып коөюн, "эртең келип кой союп бер" - деди эле.

Оюма келе калган шылтоону айттым. Тарас-чапан чөнтөгүнөн сотовой телефон сууруп чыгып, мага сунмакчы болду эле, кыйшык мурун аны колдон кармап токтотту.

- Братва, ашыкпа... "Жолборс", - ал мага кайрылды: - биздин кайда баратканыбызды бир да тирүү жан билбөөгө тийиш.

- Мейли, башка бирөөнү табышаар.

Кайдыгер кол шилтемиш болгон менен: "Мага ишенишпейт" - деген ой көңүлүмө уюй түштү. Жанараакта Абыл акенин боз түстөгү "Жигулиси" жол четинде тургансыган. Эгер эмдигиче кетпеген болсо, ойдогудай болот эле.

Биз ээрчишип сыртка чыктык. Боз "Жигулиден" дайын жок. Чыга бериште кара эки "Мерседес" токтоп туруптур...

...Кайдагы уйку. Мушташкандан сестенип, же корккон жерим жок. Андай абалды баштан кечирип жүрүп көнүп деле бүттүм. Кайра бирөө менен кырчылдашканча мушташып, арам терим чыкканча кармашкым келе берчү болгон. Айрыкча, Анатолий Кимдин жекече машыктыруусуна өткөндөн кийин, суутулган аттай табыма келип, кимден да болсун кайра тартпай турган ишенимге жетиштим. "Жолдоштук беттешүү" деген шылтоо менен чакырылган башка клубдардын "кыйындары" менен болгон беттешүүлөр да, ал ишенимди бекемдеп койгон. Көптөрүнүн бети-башын канжалатып, биринчи же экинчи раундда эле акесин окутсам да, кээ бирөөлөрүн машыктыруучумдун кеңеши боюнча атайын убакыт созуп, жаңы ыкмаларды көп, так пайдаланууга аракеттенер элем... Албетте, Сагын аке машыктыруучулардын чоң мектебин бүтпөсө дагы, өзүнүн тубаса жөндөмүнө, акылына, көктүгүнө таянып жүрүп, төрт жыл ичинде мени бир топ такшалтып койгон экен.. Ушул аз, тагыраак айтканда алты айдын ичиндеги көптөгөн беттешүүлөрдөн бир гана жолу тумшукка жаза-буза тептирип, Тампого кокусунан көзгө муштатып алганым болбосо, денемден жарат алган жокмун. Мындай натыйжа, албетте, адамга кыйынсынган, ишенген, бой көтөргөн касиеттерди тартуулабай койбойт экен. Өтө татаал каталарды натыйжалуу колдоно билгениме тымызын маашырланып, топ жарып кирип баргандан да тартпай калгамын. Билчүмүн, мыкты каратмен-мастерге бетме-бет чыгып, катаал чабуулунан жүдөп, эстен тандырган соккусуна туш болбой жүргөнүмдү...

Тилекке каршы эрте күздөн бери бир беттешсем деп эңсеп, чыдамсыздана күткөн Жи-Шан келбейт экен. Анын ордуна "Кобра" деген кличкалуу Уфалык татар менен рингге чыга турган болуптур. "Жоробек "Жолборсум", - деди Тарас-чапан Алма-Атага келе жаткан жолдо: - Гасан алгачкы мелдешти "Кобра" менен өткөрүп көрөлү деп чечти. Жи-Шан менен, буюрса, жай айларынын биринде кездешесиң. Эч нерсе эмес, бул жолу деле ортодо оңор эмес акча бар. Жеңсең - 2000 $ аласың".

Албетте, Шоханын киши колдуу болгонун менден канчалык жашырышканы менен, анын жогу билинип, анын чечимине, тажрыйбасына, акылына муктаж болуп жатканын байкадым. Ал ким менен болбосун тил табыша билчү, ынанымдуу сүйлөчү. Чапан менен эсептешкен жокмун, эгер талап кылсам дагы 500 $ чейин кошумчалашы мүмкүн эле...

Мени бир ой кооптондурду. Рингдеги беттешүү бүткөн соң, жолдо көзүмдү тазалап коюшпайбы? Мындай чечимди да булардан күтсө болот. Ой жүгүртүп көрөйүнчү. Мен булардын кандай жолдор менен "тамак" таап жегенин билип, көрүп, туюп калдым, ошондуктан "көптү билет" деп туруп, сары улактай садага чаап жиберишпейби? Же криминалдуу бул топко дагы керекминби? "Чыккынчылыкты кечирбейбиз, - деген Чапан Москвага баратканда: - Биз менен иштеше билсең сенде бардыгы болот" Бирок, булардын негизги уюгу кайда жайгашканын билүүгө үлгүрө элекмин. Тарас-чапан Шоханын ордун ээлеп, авторитет болгон го деп өткөндө боолгологонум менен буларды башкарган бирөө бар сыяктуу. Азырынча алардын жашыруун же ачык сүйлөшкөн сөздөрүнөн башка чоочун ысым уга элекмин... Мени оолак кармашып, толук ишеним артып, коюндарын кенен ачып, колтуктарына кыса элек. Керек учурда гана түндөгүдөй капысынан пайда боло калышат. "Кобраны" сөзсүз жеңишим керек. Себеби, мындай жапайы рингдерди дагы уюштурууга далалаттанышат.

Абыл акелер бул жолу да куйрукка илешпей калышты. Кыскасы, ишке кайдыгерирээк мамиле кылган лейтенант Обозкановдун опер группасына ишенүүнүн, алардын колдоосуна таянуунун кереги жок... Айтмакчы, Абыл аке айткан "Кошой", "Маркле" фирмаларынан, башка бир топ дыйкан чарбалары менен түзгөн келишим фиктивный болбосо, анда булардын колунда чоң суммадагы акча бар. Ошол сумманы максатсыз кармап отурушпайт. Демек, Тарастын кримгруппасына дагы керекмин...

Ары-бери каттаган машинелердин саны арбый баштаганынан улам, таң атып баратканын сездим. Биз жаткан "Мотель" чакан болгону менен шаардын ортосунан орун алыптыр. "Каалаганыңча укта" - дешкен, уктай алар бекемин?..

ххх

- "Кобра" сенден беш жаш улуу. Боксөр, эки жылдан бери кикбоксинг менен машыгат. Салмагыңарда айырма аз эле. Көмүскө беттешүүлөргө көнгөн неме, көп ирет жеңишке жетишкен. Официалдуу мелдештерге караганда жапайы рингди жогору баалайт. Себеби, акча көп төлөнөт...

Тренерим күйпөлөктөп спорттук майке, турси кийген менин кол, бут булчуңдарыма массаж жасап жатты. Бул жай мурда спорттук комплекс болгон окшойт: машыгуучу темир тезектер, эс алуучу бөлмөлөр, душ бар экен. Бирок, бизди арткы эшиктен алып киргендиктен ринг жайгашкан жайды көрө элекмин.

- КМШ өлкөлөрү боюнча бул спорттук жашыруун мелдеш жаңыдан гана тамырын жайып баратат. Профессионалдар тартыла элек. Ортодо ставка миллиондогон доллар боло баштаганда гана алар өздөрү келе башташат. Ага чейин сен, Жоробек, жапайы рингдин "жолборсу" болуп, ставкаң 10 же 100 миллионду чапчып калат.

- "Кобра" тууралуу кандай маалыматыңыз бар?

- Ошону өзүм да айтканы жатам. Шамдагай, кол менен көп иштейт, сол колунун соккусу абдан коркунучтуу. Ишенгени - сол кол. Бошоң жагы: өпкөрөөк, тез чарчайт, бут менен начар иштейт, каратэ, жиу-жипсу, у-шунун элементарный ыкмаларын гана билет. Хасан экөөбүз былтыр келип анын "Бука" менен мушташканын көргөнбүз.

- Сиз кандай ойлойсуз, а дегенде эле айласын кетирейинби?

- Токто, сен ашыкпашың керек. Өзүңдү алыс карма. Аны эркин кой. Коркуп калды деп ойлосун...

Ортого коюлган шарт да башкача: беттешүү эки спортсмендин бири жеңилгенге чейин, ар бир раунддун аралыгы 5 мүнөттөн, колго мээлей кийилбейт, талуу жерге муш урулбайт, курал колдонулбайт, мушташ өнөрүнүн бардык түрү пайдаланылат. Мен мурдатан эле мээлей кийгенди анча жактыра бербечүмүн, анткени куурулган ысык буудайды, дубалга кабаттала илинген гезитти ургулап жүрүп, жыгачтай катырууга жетишкен колдорумдун мээлей ичинде калышын каалоочу эмесмин.

- "Кобранын" колдору ылдыйлап, бети ачыла баштаганда чабуулду күчөт. Түрдүү ыкмаларды колдон. "Буканы" баягында кокусунан жыга уруп гана жаны калган. Сен бутка көбүрөөк тээп, чалууга аракет кыл, биринчиден, каратэнин стойкасына начар турат, экинчиден, бутун аярлайм деп жатып, так сокку берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

- Түшүндүм...

- Эсиңе түйүп ал: оң келген учурду текке кетирбе, начар, алсыз жагын байка, коркуп, бүжүрөп, же эсин жоготсо, аяба, жанч!

Машыктыруучумун мындай кеңештеринин көпчүлүгүн мурда нечен курдай угуп жүргөмүн. Экөөбүз кыска убакыттын ичинде көп мелдештерге катышып, бирок бир да жолу жеңилүү ызаасын тартпадык. Бул жолку беттешүү - кооптуу. Ортодо акча бар. Атаандашым болсо - профессионал.

Зина эсиме түшүп кетти. Өчүңкү тарткан өң-келбети, нуру качкан көздөрү, жүдөгөн кейпи келди көз алдыма. Эмне кылып отурат болду экен?.. Эми ага менин кайда жүргөнүм, кандай абалда отурганым, жеңип же жеңилип барганым - баары бир. Жоодур көздөрүн кадап, сылап-сыйпап адатынча жароокерлене жанымда турса гана?.. Бирок, ал мындан кийин мага мурдагыдай таасир эте албайт, анткени ал-бузулган кыз. Же байкуш курмандыкка чалындыбы? Ооба, булгап, да бузуп да тынышыптыр...

"Чапан" менен кошо "Профессор" деген жалгама аты бар кыйшык мурун кирип келди. Аларды Анатолий Ким менен бир "мерседесте" артыбыздан келген ырайы суук эки жигит да ээрчип алган.

Кыйшык мурун чегип жаткан тамекисинин калдыгын ачуулана бир чертип тээ бурч тарапка ыргытты да, машыктыруучуга көз нурун кекерлүү кадады:

- Билип кой, жеңиштин кепилдигин мойнуңа алгансың, кокус утула турган болсо...

- Эй, эй, "Профессор", катуу кетпе, - Тарас тигинин сөзүн бөлдү: - "Жолборс" да оңой жоо эмес, "Кобраңдын" сырткы түрү маселе чечпейт!

- Көрөбүз!..

Керкейди кыйшык мурун. Ал мени да сынай карап турду да:

- "Жолборс", жакшы кармаш! - деп коюп, кайра чыгып кетти.

- Көңүл бурба, ооздоруна келгенди оттой беришет. "Кобра" сендей эле адам, урсаң – жыгылат, эти көгөрөт, ооруйт. Артык баш эч нерсеси жок.

- Кабатыр болбоңуз, биринчи жолу мушташып жаттым беле...

- Сага ишенем.

...Мелдеш өтчү жай мен ойлогондой жылуу болгону менен бир аз тардык кылат экен. Ортолуктагы беттешүү үчүн калтырылган партерди тегеректей жыйырмага жетпеген кишилер отурат. Айрымдарынын алдыларындагы столдордо жер-жемиш суу-пуу, стакандар коюлган. Улуттары ар түрдүү. Биздин Тарас-чапан менен "Профессор" бетинде бир нерсе тилип кеткен тырыгы бар семиз казакты ортого алып, бир столдо. Айрымдарынын жанында жаш, узун бойлуу сулуу кыздар керилет. Бул жерге курсагы ток, көңүлү бүтүн, байлыгы батпай чиренген бизнесмен, байлар топтолгону байкалып турду. "Кобра" көк халат желбегей жамынып, так маңдайымда секирип-секирип коюп турду. Тиктеше түштүк. Сары чачтары кыска, тармал, көк көздөрү чүңүрөйүп ичине кирген, кырдач мурун, жука эриндүү, мостойгон жигит экен. Ошол учурда анын машыктыруучусу көк халатты шыпырып алып, четкерээк коюлган стулга отурду.

- Бүгүн бизде спорт майрамы! - деди микрофон кармаган, кара кастюм шым кийген сылаңкороз кебетеленген алып баруучу ортого чыгып: - Бири эр да, бири шер, эки баатыр беттешет! Буура булчуң, бука бел эки балбандын күчүнө - күч, демине - дем кошуп, сүрөп туруңуздар!

- Көк форма кийген баатыр Уфадан чыккан, качырганын кайсаган, "Кобра" аталган - Марат Гилязиддинов!

Бизди курчаган меймандар шатырата кол чаап, араларынан айрымдары - "у-уйт!" - деп кыйкырганга да үлгүрүп калды.

- Кызыл формачан Бишкек шаарынын балбаны, беттегенинин белин сындырган "Жолборс" - Жоробек Сатылганов!

Бул жолу кол чабуу сейрегирээк чыгып, кыйкырган эч ким болгон жок.

- Баштагыла!

Ортодо эми аппак кийинген олбурлуу калыс чыкты. "Кобра" экөөбүздү кол кармашып учураштырды.

- Даярсыңарбы?

Экөөбүз тең баш ийкедик. "Кобранын" булчуңдары буруят. Ошол үчүн кыйшык мурундун чийки май жегендей ыкыйып калганын түшүндүм. "Эр Манастын арбагы колдо!" - дедим шыбырай сүйлөп.

...Селтең-селтең секиргенине карап, муштумдарын кекене түйүп, атып тиктеген атаандашымдын боксөр экенине ынандым. Өз күчүнө ишендиби, "музоо кезинде сүзүп салайын" - дедиби айтор, а дегенде эле катуу чабуулга өттү. Албетте, бир нече тооруй камап, бир күчтүү сокку менен нокаут кетирүүгө жасаган чабуулдары натыйжасыз аяктады. Ойт берип, качып, блок коюп, таамай урганга мүмкүнчүлүк бербедим. Канткен менен буту менен эффективдүү иштей албасын байкадым. Кызуулук менен жиреп киргенде көнгөн колдорунун күчүнө ишенет окшойт...

Ал атырылыш үчүн алдыга бир аттары менен оң такымга бир тээп, чалкасынан түшүрдүм. Тегеректеген күйөрмандар дуулдай түштү. Тиги тез тура калды. Каным кызып, жазгай-жазгай жакындарым менен курсакка, кайра тегерене берип, бет туштай тээп өттүм. Тосуп калууга үлгүрдү. "Коө тур, ашыкпа, учуру келсин" - деди бир сезим. "Кобра" шуу-шуу кол шилтеп, тээп, чегинтип кирип келди. Анын жасаган соккуларынан оңго, солго же артка чегинип, же тегерене качып араң кутулуп жаттым. Кичине кечигүү, болбосо байкабай калуу эстен тандырган муштумдун соккусуна туш кыларын туюп, өтө сак коргонуп жаттым. Атаандашым күчтүү, күрөз, тайманбас экен, бирок, жалаң бокстун ыкмалары ага аздык кылгыдай...

Натыйжада, бул раундда көбүрөөк коргонуп, күч сактап, "Кобранын" мүмкүнчүлүктөрүн байкоо менен гана чектелдим.

- Эми экинчи раундда да өзүңдү карма. Корккондой түр көрсөт, көрсөт, чамына берсин! Акыл да керек! Сак бол, бирок, ар бир соккудан этияттан! - машыктыруучум чакан отургучта отурган мени желпип, тердебесем да моюн-союнумду аарчып жатты...

Экинчи раунд дагы биринчисинен көп айырмаланбады. Атаандашым сүрө кубалап, өчөшө чабуул койгонун койбоду, мен оң келген сайын буттан чалганымды токтотподум. "Кобра" кармашуунун башка түрлөрүнө таандык ыкмаларды пайдаланбады, чамасы жедеп көнгөн, өнөкөт соккуларын кайталоону гана жактырат көрүнөт. "Коө тур, чыда, алсырасын" - дейм сактана коргонуп жатып.

- Эй, "Жолборс", сок! Качыр! Коркпо!

Чамасы кыйшык мурун кыйкырып жатты. Үнү - кээрлүү, коркутуп-мокоткондой: "Эмне качат? Суу жүрөк го? Эшек го?" - деген сыяктуу жинденүү сезилет. Жеңилет окшойт деп жаны чыгып жатты. Ошол учурда көзүмдөн "от" жарк дей түштү. Ойго алаксып кетип, тигинин таамай бир соккусун өткөрүп жиберип, көзгө бирди жедим. Темтеңдей түштүм, бирок эсимди жоготподум. Контратака жасоого мүмкүнчүлүк бербей, "Кобра" келе калган шансты пайдалангысы келди окшойт, соккуларын жамгырдай жаадырды. Бул ирет андан чындап качып, катаал, көк, өжөр атаандашымдан эптеп аман калдым...

Анатолий Ким сол көзүмө муздак чачык басты.

- Эч нерсе эме-ес! Аз калды, бир аздан кийин жели чыгат. Сен кызууланба, кезегиң келет, жыландай жанчасың. Көзүңдүн акысын беш эселеп аласың...

...Бир аз ийгилигине эрдемсип кеткен "Кобра" мени "мына согом, ана согом" деп өжөрлөнүп жатып, бешинчи раунддан кийин гана алсырай баштады. Машыктыруучум экөөбүз күткөн саат келди. Жазгаган, адаштырган, татаал эмпи катасынын эң чечүүчү ыкмасын пайдаландым да, "Кобраны" кабырга тушка "күрс" эттире бир тээп, ошол эле учурда бир секирүү менен так желкеге да согончок менен кагып өттүм. Ал ар түрдүү ойногон колдорумду карап жатып, буттун соккусун байкабай калды. Жөрмөлөп барып тура калганы менен оң алаканын сол жак кабырга тушуна басып, ошол капталына ооп, бүжүйө калды. "Шашпа, - деди бир ой - Али көп "эрмектейсиң", кумардан бир чыгып аласың".

Атаандашым жарадар аюудан бетер ошондо да сыр билдирбей тап берди. Шылкы бош шилтенген колдорун тосуп-тосуп келдим да, күтүүсүз жерден түз эле тумшукка бир - уруп аңтардым. Оомат мен тарапка өткөнү ачык байкалып калды.

- "Жолборс! Жолборс!"...

Менин сенейип бараткан зектериме жан кирип, хор менен заңкылдап, жарыша сүрөп, бакырып-өкүрүп жатышты. Беттешүү кескин түрдө оң жагына өзгөрөт деп күтүшпөсө керек. Анатолий Кимдин акылы, кыраакылыгы, менин бул өнөргө болгон өзгөчө жөндөмүм, эмгегим бириккенде натыйжасы кандай болоорун көрүшсүн...

Мурдунан жылжып кан аккан атаандашымды билгенимдей жанчып, билген түрдүү ыкмаларымды практикалай баштадым. Алтынчы раунддун коңгуроосу кагылбаганда, балким...

Дем алып отуруп ар бир чиренген күйөрмандардын, "чычканга өлүм, мышыкка оюн" дегендей, бизди тамаша чегип отурган ак сөөктөрдүн арасында шаша басып, кагаз топтоп, калдастап жүргөн эки жигитти байкадым. Демек, атаандашым экөөбүздүн кимибиз жеңерибизди астын ала боолгологондор акча сайышып, кызуу бизнес жасап жатышыптыр...

Жетинчи раунд күтүлбөгөн жерден башкача башталды - машыктыруучусу кеңеш бердиби, же өзү ушундай чечимге келдиби, айтор, "Кобра" мушташуу тактикасын кескин өзгөрттү. Ал катуу тийген соккуларга карабай, мени шап кучактай калууга аракет жасай баштады. Бул, менин түшүнүгүм боюнча, анын акыркы амалы эле. Канткен менен көк, тайманбас, жанчылса да жалтанбаган ал менин жаңылыштыгымдан пайдаланып, белимден сыга кучактоого үлгүрдү, көтөрүп урдурбас үчүн жерге салмагымды сала, буттарымды керип, тигини эки кулакка эки алаканым менен бирдей уруш үчүн кулач керип баратканда "күрс" дедире бетке сүздү... Эсиме келсем "Кобра" төшүмө минип алып, бетке былчылдата уруп жаткан экен. Бетимди калкалай калып, эки бутумду анын мойнунан ашырган соң, кайчылаштыра калып, кайра аны чалкасынан оодардым. Бирок, башым айланып, колу-бутум ойдогудай баш бербей, кулактарым дүңгүрөйт. Ошондон пайдаланып, кайчылашкан буттарымды оңой гана ажыратып салды. Экөөбүз тең тура калдык. Же бир жолу чарчап, же эси ооп, же коркуп өлбөгөн көкжал "Кобра" күтүүсүздөн эки аттап келип, көкүрөккө бир сүзүп тоголотту. Реакциям жоголуптур. Буйтаганга, же тосо калганга үлгүрбөдүм. Экөөбүз жерде билген, оң келген жерге ургулашып, тытышып жаттык...

...Бала кезде ак кар калың жаары менен балдар эки топко бөлүнүп "таламай" ойноп жыргап калчубуз. "Таламай" - эки жааттын коллективдүү күрөшү. Чекелерден тер чыкканча, жиниккиче, эки далы жерге нак тиймей сайын оюндан чыкпай кармаша берчүбүз. Ошондо "тогонек" деген чалуучу ыкманы көп пайдаланчумун. Аябай ишенимдүү, уят кылбай турган ыкма. Классташтарым ошол ыкманы мыкты пайдаланаарымды билип, бет келишкенден качып туруучу. Кармаша кеткенде тигини белден өзүңө тартасың да, оң бутуңду тигинин сол бутунун балтырына орой саласың. Бүттү. Бутун чыгарып кетиши оңойго турбайт. Көтөрөм, түртөм же жыгам деп күч коротпойсуң. Чалкалап өзүң жыгылсаң, тиги буралып барып астыңа түшөт... Анда го алдыбызда жумшак, улуу, аппак кар жатчу...

Өпкөсү көпкөн "Кобра" менен ийин тиреше туруп бараттым. Кимибиз эң жыйынтыктуу аракет кылсак жеңиш ошонубуздуку болорун сезип турдук. Мен сыга кучактап, аны сүздүрө койбой көнгөн адат боюнча тогонек орой салдым.

Жалаң линолеум салынган жайдак цемент үстүнө күп түшкөн байкуштун ээси оой түштү. Үстүнөн баса түшкөн салмагым да оңор эмес болчу...

Ордумдан акырын өөдө турдум. "Кобра" эстен тана түшүптүр. Кыргыз күрөшүндө кездешкен мындай ыкманы өмүрүндө укпаса да, көрбөсө да керек...

ххх

...Эки иномарка менен Алма-Ата-Бишкек жолунда жоо куугандан бетер куюндатып келе жаттык. "Алма-Атанын ресторанында отуруп, бир гүлдөп кетели!" - деген узун чач, бүтүк көздү "Профессор" кагып койгон: "Жайлуу жерге баралы, бөтөн жер, бөтөн эл дебегенибиз менен "Жырыкбет" ызалуу калды, ал бизди көкүлдөн сылаганы турат дейсиңби?!"..

Тарас жолдо токтобоого, тез жүрүүгө, бир да жеңил машинени обгон кылдырбоого буйрук берди.

Жеңилүү ызасын тартып, көп сумма берүүгө туура келген "Жырыкбеттен" шекшип, сактануу чараларын көрүп жатышканын, ар кандай жолдор менен болсун кол салып, акчаны кайра тартып алышы мүмкүн экенинен кооптонуп жатышканын байкадым. Арткы "мерседесте" машыктыруучума кошулуп "Профессордун" жансакчысыбы, айтор, үрөйлөрү бир укмуштай сүрдүү жанагыл эки жигит бар. Тараска караганда ал эки үндөбөстү "Профессор" башкарып жүрдү.

Арткы орундукта отурган эки авторитет жылуу же мактоо сөз айтканга жарашпай тымпыйышат. Булардын да өлүмдөн коркорун, жашагылары келерин сездим. Өлүм кимди коркутпасын...

Аппак кар жамынган, учу-кыйры билинбеген талаа менен сызып бараттык. Каршы тараптан келе жаткан машиналар жаныбыздан "шуу-у, шуу-у" өтүп жатты. Алардын айрыкча таамай чагылышкан жарыгы канталаган, бөрсөйгөн сол көзүмө күч келтирип, сыздап ооруганын күчөтө баштады. Башымдын айланганы байкалбай баратканы менен, мурдумдун сөөгү да кол тийгизбей шишип чыкты. Бир саатча жол жүргөн соң, арткы "мерседес" кыска сигнал берди.

- Арттан бир машина кууп келди, - шоопур сырттагы күзгүгө үңүлдү.

- Демек, келген экен... Сени бул "стукачка" ишенбе дегемин!

Кыйшык мурун ачууланган бойдон артка үңүлө көз таштады.

- Ылдамдат!

- 140 менен баратам, жол тар, жээги кар, мындан ашырууга болбойт...

- Коркпо, Шуриктер оңойлук менен өткөрө койбойт, - деди Тарас колундагы "ТТнын" окчонтоюн текшерип жатып: - Ээнирээк чыксын, граната менен жардырып таштайбыз!

Зуулдап бараттык. Арттагы белгисиз машина кайрадан такымдап, обгон жасоо үчүн аракет жасай баштады. Кээде жол бошот дегенсип жарыгын өчүрүп-жандырат, кезек-кезеги менен сигнал берет. Бирок, биздин "мерседес" жол эрежесин көз көрүнө одоно бузуп, тигинин жолун тороп, оңойлук менен алдыга өткөрө койбоду.

Качан автомат же тапанча атылар экен деп эки зек демдерин ичтерине тартып, куйруктары бүлкүлдөп келе жатты. Жандын таттуусун айт. Канга боөлгон спорттук кийимдеримди чечине албай жатсам, көтөрүп көккө ыргыткан, кубанычтан маңдайлары жарылган авторитеттердин кайра кайтарда заматта өзгөрүп, үрөйлөрү учкан азыркы абалын көрүү бир жагынан таңдандырса, бир жагынан күлкүмү келтирди.

Кубалашуу улана берди. Кез келген ар түрдүү, чоң-кичине машиналарды кууп өтөбүз. Шоопур көптөн бери рулда жүрүп жолго көзү каныккан неме экен, бир да жолу эсептен жаңылганын, же болбосо шашып калганын байкабадык.

Белгисиз машина биз отурган "мерседеске" жакындай албай жатат деп шектенүүгө болор эле, анткени олчойгон акча (канча сумма барын мен сурабадым, алар айтышпады) салынган кейсти колу менен кошо кишендеп Тарас-чапан көтөрүп жүргөн. Төө-Ашуудагы жарылган "мерседес" менен мээси чачырап өлгөн рулдагы Сере эсиме түштү. Ошондогудай окуя кайталанганы турган жокпу? Коркунучтуу ойлор келе баштады башыма. Кыска убакыттын ичинде өлүм менен бетмебет бир нече жолу туш болдум. Мына эми "эмне болуп кетер экен?" -деп кооптонткон, сестенткен, ар кандай жаман-жакшы ойлорго түрткөн андай учур менен азыр да кубалашып баратабыз... Тарас менен "Профессордун" ортосунда оозуна жоон сигар тиштеп, чиренгенсип отурган, оң бетинде түшүнүксүз тырыгы бар, семиз казакты эстедим. Түрмөдө "стукач" болуп жүргөнү чын болсо, мындай авторитетке кантип жетишти экен? Анын колунан баарын күтүүгө болот. Мүмкүн буйткараак жерден буктурма уюштуруп койгон болсочу?.. Билинбеген тынчсызданткан сезим жүрөктү эзе баштады.

"Тарс" деген үн жүрөктү "зырп" эттирди да, "мерседесибиз" ылдамдыгын кескин азайтып, бир жагына кыйшая түштү. Мен: "Башталды!" - деп ойлогуча:

- Балон жарылды! - деп үн катты шоопур.

- Жарылса, бурул тез, алысыраак барып токто! - Тарастын жаны чыгып кетти.

"Мерседес" акырындап барып каптал тараптагы тар, асфальтсыз жолго бурулуп, жүз метрдей узап барып токтоду. Экинчи мерседес да, биз тарапка кайрылды. Белгисиз иномарка "жол башотконуңарга рахмат!" - дегенсип, аялдамак тургай кайра ылдамдыгын күчөттү да, кара түндү как жарып шуулдаган бойдон кетти.

Кабинадан сыртка чыга калган эки авторитет ырайы суук жигиттер менен кошо багажды ачып, запас балонду алып, күйпөлөккө түшкөн эки шоопурду: "Болгула! Тездегиле!" - деп зекип киришти...

Даркан талаа бетине шейшептей салынган ак кардан кочуштап алдым да, шишиген бети-башыма бастым.

- Абайла, - Анатолий Ким арырактан үн салды: - Кесектеп кетип жүрбөсүн?

- Сүйүп жатат...

Суу болгон жүзүм талаанын муздак сыдырымынан улам тызылдай үшүгөнү менен көңүлүм сергий түштү. Тээ алысыраактан Ай нуру бүдөмүк чулгаган Ала-Тоо көрүнүп турду.

Бишкекке жакындаган сайын арттагы эки зектин маанайлары өзгөрүп, куудул сүйлөп, күлкүлөрү чыга баштады.

Белгисиз иномарка көрүнгөн жок. Зарыл иш менен шашып жүргөн бирөөдөн шекшинип, аз жерден жүрөктөр жарыла жаздады... "Уурунун көчүгү кууш" деген макал эсиме түштү. Бекер айтылган эмес экен.

ххх

... Терезеден сырттагы кышкы шаар көчөсүнө кызыга көз салып отуруп, капысынан кыска мурутчанды көрүп калдым. Нурбек экөөбүздү Акбарга алып барган жигиттердин бири. Суук күчөп турса да, кулак жапкычы бар шапке кийип алганына карабай, жазбай тааныдым. Окуу корпусу менен жатакананын ортосундагы тротуар боюнда өскөн жалгыз кара жыгачтын түбүндө кимдир бирөөнү күтүп турат. Албетте, анын Нурбекти күтүп жатканын айттырбай сездим. Эмне кылыш керек? Лейтенант Обозкановго кабар берсемби, же билинбей жатаканадан чыгып, качып кетсемби?.. Кайсы кабатта, канчанчы бөлмөдө жашарымды билет. Билмек турсун бир ирет жашырынып келип, тинтип кеткенге да үлгүргөн. Күтүлбөгөн жерден кирип келишери ыктымал. Жооп берүүгө мүмкүн болбогон суроолорго какап-чакап, такалып, бир бозоруп, бир кызарууга туура келип жүрбөсүн?.. Бардык шарты бар квартира жалдап алууну ойлоп жаттым эле. Кеч болуп калды, эртерээк камынсам болмок. Анын үстүнө муздак нерселерди тынымсыз баса берип, бетимдин шишиктерин кетиргеним менен, көк тактар айланы алты кылды. Ошондон тартынып бөлмөдөн эки жакка чыкпай бекинип отургамын.

Кыркы чал Акбар дайынсыз жоголгон Турар баштаган топтун дайынын билүүгө аттанган окшойт. Жаңгак бизнесинин изине да мен аркылуу чыгышкан. Ошол себептүү дайын-дарексиз кеткен ал топтун бар-жогун такташ үчүн аракеттене башташкан сыяктанат.

Ишенген коргоочуларымдан адаттагыдай дарек жок. Сыртка чыгып Абыл аке үйрөткөн шарттуу белгилерди бир эмес миң жолу кайталасам да, жетип келе турган бирөө жок экенин баамдап турдум. Эстерине түшсөм гана издей калышат да "канаттууга кактырбайбыз, тумшуктууга чокутпайбыз" - деп майлап, сүттөп киришет... Алардын шалакы мамилелеринен, суу кечпеген убадаларынан чарчадым. Же профессионал из-кубар, же зек, же бандит болбосом, жетишет. Лейтенант Обозканов, Адыл аке, Тарас-чапан - баарынан кол үзөм. Ушулардын айынан жароокер кыз Зинаны илдет тооруган жолдон кайра тартып калалбадым, министрдин жылуу, тамак-ашы белен үйүндө жашоодон баш тарттым, криминалдуу чөйрөгө аралашып, этегимди жаман жеринен айрып алдым...

Кетишим керек. "Кайрадан Зинагабы? Акбардын "иттерин" ээрчитип барып албайымбы? Мадина экөөбүз өткөндөгү жаакташуудан кийин сүйлөшө да, кезигише да элекпиз. Күйүмдүү таежемди жумалап жоголуп кетип жүрүп, издебегенге, түйшөлбөгөнгө көндүрүп койгомун. Аларга да ашыкча түйшүк артуунун кереги не?.. Курсташтардын бир-экөөнүн бөлмөлөрү бар, бирок Нурбек сыяктуу алардын да капшап ишке кабылышын каалабайм...

Иңир кирери менен жылуу кийинип, керектүү буюм-суюмдарымды асынма спорттук кооз сумкама толтуруп, жанымда калган 2400 $ чөнтөккө салдым да, биринчи кабатка жүгүрүп түштүм. Коридордун этегиндеги терезенин темир торунун мыгын студенттер бошотуп коюшкан. Эрте-кеч калгандардын ууру жолу...

Канымды берген дареги боюнча оңой таптым. Эшикти ачпай: "Эжем жарым сааттан кийин келет" - деген кичинекей кыздын сөзүнөн улам, сыртта бир топко чейин күтүп турдум.

...Экөөбүз подьезддеги узун отургучта отурдук. Караңгылыктан улам ал бети-башымдагы тактарды, кызылы тарай элек көзүмдү байкабады.

- Балдарды карап, кечке кезерип үйдө олтурам.

- Жаман бекен?

- Жо-ок, иштегеним жакшы эле - ал бут алдындагы үйчарба сумкасынын боосун кармалап койду.

- Багып үйрөн, кийин он баланын энеси болуп калсаң, жеңил болот.

Ал уялыңкы карап койду.

Кабагыма каар жаап, көңүлүмө түрдүү оор ойлорду түнөтүп келсем да, Канымга адаттагы азилимди жылдырып койдум. Негедир, уяң, тоолук, адептүү, жакшынакай ушул кызды кезиккен сайын тамашага алгым келе берет. Андай учурда анын албыра түшкөн жүзү, нурлуу көздөрү, жагымдуу сезиле калат.

- Каным, акча сактай аласыңбы?

- Кандай акча?

- Доллар.

- Бер, сактап берем.

- ...2400$.

Кимдир бирөөлөр үчүн бул болор-болбос сумма. Каным экөөбүз үчүн өтө чоң акча.

Ага акча узаттым. Тартынчыктай кол сунду.

- Суук бөлмөдө иштебе, ооруп каласың. Жылуу үйдө отуруп, окууга даярдан. Контрагыңды мен төлөп берем...

Экөөбүздүн ортобузду кайрадан жымжырттык басты. Ылдый карап отурган Канымдын колдору жердеги сумканын боосун кармалаганын токтотподу. Ак, же көк дебеди.

- Кирейин... Жездем же эжем иштен келе турган убак болду, көрүп калышса уят.

- Коркпо, өбүшүп жатпагандан кийин?

- Сөзсүз ошондо гана уят болот бекен? Жигит менен мурун соң отурганымды көрүшкөн эмес, ошого...

- Ошого сүйүнүшөр?

- Эмне сүйүнүшмөк эле, кайра кайгырышат.

- Туура эмес, сүйүнүшмөк. Сенден жадап деле жүрүшкөндүр, кетсе болот эле деп.

- Кызык го? Кайда?

- Казань университетине.

- Казань эмес өзүбүздүн бул университетке кире албай отурса...

- Мен Казань эмес - кара казанды айтып жатам.

Каным мени сынай карап туруп, күлүп жиберди.

- Кара казан университети качпас...

- Өтө албай жүргөндөр көп...

- Бешенеге буюрганын көрөбүз.

Уяң Каным канткен менен менин мынча долларды кайдан тапканымды бул жолу да толук сураган жок.

- Концерттерге алып барайынбы?

- Качан? Бүгүнбү?

- Сен каалаган күнү.

- Эжем жибербейт...

- Катуубу?

- Баскан кадамымды санап турат.

- Эмне үчүн?

- Апамдан үйрөнгөн, ал киши башынан бекем кармап үйрөткөн. Бизде түнү көчөгө чыгуу деген болбойт.

- Зектерден беш бетер кайтарышат тура. Өзүңдү түрмөдө жүргөндөй сезбейсиңби?

- Хи-хи, кантип эле, күндүзү сага барып жүрбөйүмбү...

- Тамаша, сулуу кыз.

- Сулуу деле эмесмин.

- Перисиң...

- Кой, мактоону жактырбайм.

- Мынча атыракайсың?

- Койчу? Чын элеби?

- Чын эмес... Баары бир жакшы сөздү жактырарыңды билип койдум. "Аялдын жүрөгү - кулагында" - дегендери айкын сөз.

- Үйгө кирейин эми.

- Таарындыңбы?

- Шакаба чеге берет турбайсыңбы...

Ордубуздан турдук.

- Издеп барып тур, Каны...

- Себепсиз элеби?

- Себеп таап эле жүрбөйсүңбү?

- Байкап көрөйүн.

Каным кол берип коштошту да, кирип кетти. Подьездде бир топко чейин жалгыз калдым.

...Алды-артымды, алыс-жакынды жакшылап карап, артымдан байкоо салган эч ким жок экендигине көзүм жеткен соң гана, маршруткага отурдум да, Зина жашаган микрорайонго жөнөдүм.

Жароокер кыз Зина жашаган кабат үй көрүнөрү менен жүрөк сыздай сыгылып, тынчсызданган бир сезим ээлеп алды. Сайынып албады бекен?..

Алардын подьездинде үч-аял ары-бери жүгүрүп, бакырып-өкүрүп жатыптыр. Кар үстүндө бирөө жатат. Аңгыча үстүңкү кабаттагы балкондордун биринен эркек киши барк этти:

- Тез жардамга чалдым, жолго чыгышты!

- Кудай айланайын, коркпой туруп жерге секирбедиби?! - деп жакасын карманды безеленген орус аял.

Жаткан дене аял киши экенин байкаарым менен селейе түштүм. Кадам шилтей албай катып калдым. Барсам эле тиги жаткан Зина болуп чыга тургандай сезиле берди...

Эңкейдим да, ыманым учкан бойдон селейип туруп калдым: оозунан шүйкүм кан агып, көздөрү аңтарылган Зина кыймылсыз жатыптыр...

ххх

...Ак кар дабышсыз сампарлап жаап жатты. Кардын калыңдыгы тизеге чейин жетип калганына карабай сууктун таасири анчалык сезилбейт. Чамасы, зырк жүрбөй, аба дымып тургандыктан ызгаар күчүнө киралбай жаткансыйт...

Бейиттен кайткан карарган калың топ ак булуттардын арасынан чыгып турган бийик кырлардан бетер, ак кар үстү менен каалгый жылып жөнөдү. Жүрөктөрү канаганы, көз жашы тынбай куюлганы бар, арманы аттын башындай, аны айтып түгөтө албаганы бар... Баары бар. Ал тургай аялын ээрчитип ак чач полковник да жүрөт. Жароокер, бирок замандын мерез, кара өзгөй айбан кейпин кийген мыкаачылардын тузагына байкоосуздан эрте илинген байкуш Зина баарынын каректеринде жанып, көңүлдөрүндө элестелип жатса керек. Узун бойлуу, оң бетинде бармак басып калы бар, сыртына өзүн калбаат кармаганы менен көзүнөн жашы куюлган замминистрди, кырктан небак ашып кеткени менен кырчын кыздай бой-келбеттүү, Зинага өтө түспөлдөш, ээси оогон апасын жөлөп-таягандар жай жылып баратышты.

Мындай арман кээде гана бир болот... Колунда мансабы, бийлиги кымбат машиналарды минген дос-жарлары туруп карачечекей жалгыз кызын арачалай албай ажалга салып берип отурат.

Томсоргон бейит четинде кызыл-тазыл гүлчамбырлар коюлган томпойгон мүрзө калды. Зина деген кыз эми жок, аны эч ким, эч качан жолуктурбайт.

Мадина кеттик дегенсип, чыканагымдан булкту. Экөөбүз элдин эң артында үн-сөзсүз сүйрөлө басып бараттык.

ххх

...Экзамен тапшырыш үчүн аудиториянын эшигин сагаалап, өз кезегимди күтүп турдум. Студенттердин кээ-бирлери тезирек кирип-чыгыш үчүн шашып жүрүшөт. Аларды түшүнсө болот. Эртерээк кутулуп, айылга, алыстагы ата-энелерине бүгүн жөнөп кетүү. Баарыбызды көптөн бери көрсөм деп көксөгөн, саргазак боло сагынган туулган жер күтүп турат. Мен дагы: "Саламатсыңбы, туулган жер!" - деп буюрса, жакында кирип барап. Ал жерде асылым апам, ини-карындаштарым, классташтарым анан Сагын аке бар...

ХVIII-XIX кылымдагы чет өлкөлүк акын-жазуучулардын классикалык чыгармалары, алардын өзөктүү идеялары, баш каармандары тууралуу жакшы маалыматым жок эле. Амангүлдүн жазган конспектисин Буркан экөөбүз кайра-кайра талашып окуп жатып, билеттеги суроолордун 70-80 пайызына канааттандырарлык жооп даярдап алдык. Мен ушул сабакка көп катышпаптырмын.

Бирөө чыканагымдан кармады. Карасам - Мадина. Зинанын тажиясынан кийин көрүшкөн эмеспиз. Байкалбаган менен ошондон бери он эки күн өтүп кетиптир. Адатынча абдан келишимдүү кийинип алган. Биздин мода куумак турсун, эптеп курсактарын тойгузуп жүргөн кыздарыбыздын көздөрү кызарып турду.

- Экзаменби?

- Ии, акыркысы.

- Көздөрүң жакшы болуп калыптыр...

Китеп, дептер барактап, күйгүлтүккө түшүп жаткан студенттерден бөлүнө бастык.

- Сенин убактыңды албайын, ме, - колтугундагы кооз пакетти колума карматты.

- Бул эмне?

- Батма аяш энем берип жиберди.

- Ким ал?

- Зина апасы жөнүндө айткан эмеспи?

- ...

- "Зинанын акыркы керээзи эле, аткарып коөюн" - дейт. Дагы, сени бир көрүүгө куштар...

Унчукпай сырдуу пакетти кармап турдум. Ичинде эмне болушу мүмкүн?

- Мында эмне барын сен билсең керек?

- Билем... Сен кандай ишке аралашып жүргөнүңдү болжолдуу билем. Кийинчерээк айтып берерсиң. Артынан жамандабайын, бирок, Зина сени жакшы жолго ээрчитмек беле...

Үн-сөзсүз туруп калдык.

- Айылга мени алганча барасыңбы?

- Экзамендериңчи?

- Бирөө калды, аны "досрочно" тапшыра коөм.

- Кыштын күнү кыштакка барып болобу. Тоңуп каласың.

- Тоңбойм, тонго ороп коөсуң.

- Көрөбүз...

- Мага таарынбай жүрөсүңбү?

- Сенчи?

- Жок... сен туурасын айткансың. Зина досум эми жок... Атаандашаар кишиң болбосо, жаман болот турбайбы... Мен кеттим, сыртта машина күтүп жатат. Кеч үйгө кел, апам чакырды!

...Ээн жер издеп, үчүнчү кабатка көтөрүлдүм. Чоң терезенин текчесине сырдуу пакетти койдум. Пакет ичинде калың конверт, менин наамыма жазылган үй китепчеси бар экен. Үй Зинадан белек катары мага берилиптир. Аны тастыктаган тиешелүү документтер жүрөт.

- Байкушум...

Көз кычыктарыма жаш кылгыра түштү. Качан үлгүрдүң экен?.. Сендей жароокер кыз башка эми жок. Бар болсо да сага окшобойт. Жүрөк кургур сыздап ооруп жатты.

Калың конвертке журналисттер үчүн кол жеткис жапондордун "Сони" фирмасы чыгарган кичинекей диктофон, бир фото сүрөт, үйдүн кошоктошкон үч-төрт ачкычы бар экен.

Фотосүрөттө калдайган камыш саламандыраларды кийген, жылаңач, бирок өң-тааныш кишилер жүрөт: Шоха-Хасан, Тарас, Эрмек, дагы чоочун бир келин, эки жигит Көл жээгинде арак, вино, пиволорду жайнатып коюп, эс алып отурушат.

Фотосүрөттүн арткы бети толтура жазылган:

"Наркобарондор: Шоха, Чапан, героин сатууну уюштургандар: "Чопо" деген келин, "Жээк" көчөсүндөгү N 54 үйдө ижарада турат, соодасы түнкү он бирден кийин күчөйт, шарттуу белгиси: "Күйөөңүз Афганчыбы?", жанындагысы - "Бака", "Кармен" түңкү диско-клубунда бармен, кынтайып жатканы - "Куба", жаштар үзүлбөгөн "Эрсай" "Алас" кофе-барларында, бий аянттарында болот. Чыныгы аттарын билбейм. Жора, сүрөттү лейтенант Обозкановго бер, суранам, токтот эми, өзүң аралашпа. Акыркы өтүнүчүм ушул".

Зина өз атын жазбаптыр, Эрмек тууралуу да эскербептир. Демек, шаар ичин Тарастын наркобандасы нашаа менен камсыз кылат турбайбы! Ал эми мен акмак аларга акча тапканга жардам берип, көмүскө бизнестин көөрүгүн басып жүрөм! Бүттү, бул топтун түбүнө жете турган мезгил жетти...

Зина экөөбүз акыркы кездешкен күнү айтмакчы болгон өтүнүчү ушул окшобойбу... Өзүнө окшогон дагы канчалаган жаштардын жок жерден азгырылып, азап тартышын каалабаган көрүнөт.

ххх

...Буурул чач полковник, Обозканов, Адыл аке, мен төртөөбүз жакшы башталып, бирок аягы солгундай түшкөн "Ринг" операциясын талдап отурдук. Үч кызматкерди кызыктырган суроолордун бардыгына жооп бердим деп айталбайм. "Бул мафиянын башында ким турат?" -деген кызыктуу суроого өзүм да жооп издеп жүргөмүн.

- Кылмыш шаарыбызда кескин күчөп кетти, - буурул чач полковник алтын түстүү ручкасын кармалап, мага тигиле карады, - Бүгүн-эртең бүтүрбөсө болбой турган оперативдүү жумуштар көбөйүп кетип, узагыраак убакытты камтыган "Ринг" операциясы сыяктуу иш пландар калып кетип жатпайбы... Жоробек, биз тарабынан көп кемчиликтер кетирилди, аны мойнубузга алабыз. Бирок, шаарларыбызга кеңири тамыр жайып бараткан наркомафияны колго түшүрүү үчүн толук факт, негиз да бар. Кана, лейтенант Обозканов "Баха" менен "Кубаны", лейтенант Субанов Адыл "Чопону" колго түшүрүү операциясын жетектейт. Жөнөгүлө! Күзөт бөлүмү менен тез-тез байланышып тургула!

Мен ордуман турдум.

- Жолдош полковник, Адыл акенин опергруппасына кошулуп барсам болобу?

- Болот. Бирок "Чапандарды" кармоо операциясына катышууга катуу тыюу салам. Алар сенин бизге иштегениңди билбөөгө тийиш! Жашсың, замандын түрүн көрүп турасың. Ар кандай күтүлбөгөн окуялар болуп кетиши мүмкүн...

...Беш ички иштер бөлүмүнүн сотрудниктери отурган эки "жигули" түн ортосунда Жээк көчөсүнө келип, N 54 үйдөн алысыраак токтоду. Бронежилет кийген жигиттер жүгүрүп чыгып, керектүү үйдүн коргонуна далдоолоно бөгүп калышты.

Адыл аке коңгуроо басты. Ичкериде тынчтык. Арадан эки-үч мүнөт өткөн соң гана талп-талп эттире бут кийим сүйрөй баскан бирөө дарбаза оозуна келди да:

- Ким? - деди.

- Күйөөңүз афганчыбы?

Жымжырттык өкүм сүрүп калды. Тигил аял эмне кылып турганы белгисиз. Болжолумда мага байкалбаган тешик аркылуу көчөнү карап жатты окшойт. Маалкаткан үй ээси бир кыйладан соң, "шылдырт" эттирип илгичти чыгарды.

Даяр турган Адыл аке босогодон көрүнө калган караандын кекиртегине пистолет такай салды.

- Үн чыгарба!

- Аа-ай!..

Келин канткен менен кыйкырып жиберүүгө үлгүрдү.

Опер группа жүгүргөн бойдон үй ичине кирип кетти. Адыл аке экөөбүз бушайман боло үрпөйгөн келинди коштой ичкериге бет алдык. Бирөөнүн кабатыр үнү чыкты:

- Сыртка бирөө качты!

- Сен карап тур! - Адыл аке келинди мага дайындады да, кайра эшикти карай жүгүрдү. Үйдүн огород жактан да чыкчу эшиги бар экен. Чамасы, Адыл аке көчө тараптан тосуп калууну ойлоду көрүнөт.

Диванда отурган келинге кунт коө карадым. Сүрөттөгү "Чопонун" дал өзү - үрпөйүп алган, көзүндө коркунуч. Мынчалык коркорун, качандыр бир колго түшөрүн ойлоду бекен?

- Бас кыбырабай!

Огород жактагы бөлмөдөн оперлердин бири желкесине колун алган "Кубаны" айдап кирди да, "Чопонун" жанын көрсөттү.

- Катарына отур!

Оңдой берди болуп, "Куба" дагы мында келе калганын кара.

- Тамеки чексем болобу? - "Чопо" мени ынданы өчө карады. Мээ тамырлары чыңалып, сарсаңын тарттырган эртеңки тагдыры, кумарын козгоп жиберген окшойт. Бетине кара маска кийип көзү гана көрүнгөн опер жигитти карадым. Ал "макул" дегенсип башын ийкеди.

- Мен чекпейм, "Чопо".

Келин: "Бул менин атымды кайдан билет?" - дегенсип, карап калды да:

- Шкафтын үстүнкү көзүндө тамеки, ширеңке бар эле, - деди кайра жер карап.

Небак эскирсе да сыны менен сыры кетелек саргыч шкафтын эшигин ачаарым менен ичиндеги катар-катар тартылган ак, кызыл проводдор "чарт-чурт" от чыгарды да, тегерете тизилген пахталар "балп" этип, жалындап күйүп кирди. Опер бакырып жиберди:

- Жап эшигин!

Чочуп кетип, артка кетенчиктеген мен кайра алга умтулганда "Чопо" шарт кайыш курткамдын этегинен тырмыша тартып калды. Үстүмдөн аны шыпырып жибердим да, эки аттап барып, түтүн уюлгуп чыга баштаган шкафтын оозун жаба салдым. Спирт жыттанып кетти. Атайын ток менен туташтырылган жерин өчүрбөй туруп, эшик ачылса өрттөнүп кете турган устройство орнотулган. Чамасы пахта спиртке мурдатан чыланып, кургатылган соң, арасына кокаин катып койгон окшойт. Амалдуу келиндин ойлоп тапканын карап кой. Товар күйүп кетсе, күнөө тагыш кыйын болот.

Ошол учурда сырттан Адыл акелер кирди. Колдору кишенделген жаш баланы ээрчитип алышкан. Анысынын чекесинен кан сызылып агып турат. Биздин жигиттерден бирди жеген, же качам деп жатып, бактын учтуу бутагын сүзүп алган.

- Фуу-у, эмне түтөп жатат?

- Үф-ф... эмне өрттөдүңөр?

- Шкаф ичиндеги Чопонун "товары" күйүп кетти...

- Кандайча? Кантип?

- Шкафты ачсак күйүп кетти... Атайын устройство бар экен.

- Токту өчүр.

Оперлердин бири розеткага сайылып турган удлинителди сууруп таштады.

Мен ойлогондой үстүңкү катары күйүп кетсе да пахта арасынан майда, төрт чарчы, ичинде ак порошогу бар желим кутучалар чыкты.

- Тинткиле!



Адыл акенин жигиттери үй ичинин заматта чак-чалакейин чыгарышты. Тилекке каршы башка эч нерсе табышкан жок.

- Товарды сага ким жеткирет, "Чопоханум?"

- Тааныбайм...

- Каерде жашашат?

- Билбейм.

- Алып кеткиле! - келиндин азыр эч нерсе айтпасын Адыл аке сезди окшойт.

- И-и, "Ку-уба" дос, кайсы шамал айдап келди?

- Ж-жөн эле кирип калдым эле...

Жигиттин коркоктугу алаңдаган көздөрүнөн байкалып турду.

- "Чапан" жибердиби?

- Жок... Өзүм эле...

Өңү кумсарып кетти. Адыл аке кырбоосунан пистолетин сууруп алды да, шарактатып затворун тартты.

- Так, "Куба" дос, силердин арам группаңар тууралуу баарын билебиз. Мага "Чапан" менен "Профессордун" так дареги керек!.. Же "Колго түшүрүү учурунда каршылык көрсөткөндүгү үчүн жок кылынды" - деп туруп "дароо" атып салайынбы?! Кандай дейсиңер, балдар?

- Соттон бошонуп кетет, муну ушул жерде жайлап салыш керек...

- Атып салыңыз!

"Куба" алаңдап, калтырай баштады.

- Дарегин б-билем алардын...

- Каерде?!

- Сокулукта...

ххх

...Эки жигули тең токтоп, Адыл аке экөөбүз сыртка чыктык.

- Айылга жакшы барып кел. Келсең биз менен телефон аркылуу, же кирип байланышып тургун.

- "Чапан" колго түшсө мен сот процессине күбө катары чакырыламбы?

- Алардын жасаган кылмыштарын далилдеген фактылар жетиштүү. "Куба" менен "Чопо" аркылуу дагы көп нерсеге билүүгө болот.

- Рахмат, Адыл аке, сизге жолугуп турам.

- Аман бол!

Опер группа

менен кылмышкерлер шыкала түшкөн эски эки жигули түңкү көчөнүн түпкүрүнө сиңип кетти.

Чыкыроон күч алганына караганда кыш чилдесинин таасири бийлик жүргүзө баштаганы байкалат. Асманда томуктай булут жок. Түңкү жылдыздар жаркырайт. Эртең күн ачык болот окшойт...

ххх

Айылга жөнөөрдүн астында бөлмөмдү комендантка тапшырдым да, бир чоң чемодан кийим-кечемди, айылдан алып келген кара дипломатка китеп-дептерлеримди, дагы бир сеткага таежем менен Мадина алып келип берген идиш-аяктарды салып, гитараны асынып такси менен Зинанын үйүнө алып келдим. Көчүп кеткенимди курсташтардан эч ким билген жок...

Үй ичине бир сыйра көз жүгүртүп чыктым. Зинанын кийим-кечелери жок. Калган буюм-суюмдар: кымбат мебелдер, килем, палас, ал тургай идиш-аяктардан бери ордунда турат. Күзгүлүү бөлмөнүн төрүндө гана бажырайган Зинанын чоңойтулган сүрөтү илинип калыптыр. Тармал чачтары ийиндерине түшүп, бажырайган көздөрү менен сүйкүмдөнө тигилген Зинаны көпкө карап турдум... Байкушум. Өз жаныңды өзүң кыйбай, жарык дүйнөнүн ырыскысынан даам сызып, Күнүнө жылынып, ак таңдарынан үмүттөнүп, көптүн шары менен жашап жүрө берсең болбойт беле? Эрте талкаланган тагдырыңа таарындыңбы, татыктуу, же таасирдүү жашай албагандан көрө, тирүү басып жүргөндүн эмнеси артык дедиңби? Жүзүкара, алдамчы, ууру-кескилер деле беттери чымырап койбой катарлаш басып жүрбөйбү? Же алардын ички табияты, жан дүйнөсү башкабы? Башка-а, болбосо эң биринчи ошолор жан кыйып, жарык дүйнөнү таштап кетсе болмок...

Сен башка болчуусуң: сезимтал, сергек, акылдуу элең, сулуу, жанда жок жароокер элең... Бул дүйнөдө бийик адамкерчилигиң, адамдык асыл касиеттериң менен мисал болуп, сен гана жашоого татыктуу эмес белең?.. Кырчын талдай кезиңде кара өзгөйлүктүн, мерездиктин жалынына жалмандың. Баөлугуң, мансаптуу кишинин кызы болгондугуң, сага залалын тийгизди... Уул-кыз төрөп, Умай Энени сүйүнтсөң болбойт беле? Балдарың да өзүңдөй жакшы адамдардан болушмак. Жакшы маанайлуулардын катары көбөйөт эле го!?..

Сүйкүмдүү Зина көз ирмебей, шоолалуу көздөрү менен үнсүз-сөзсүз карап турду. Ошол тиктеши менен: "Сен нагыз тоолук кыргызсың, тоо, кымыз жыттанасың! Ырдаганың жагат! Жайлоо, гүл жыттуу кыргыз өрөөнү, шар аккан тунук суулары жөнүндө ырдачы?" - дегенсийт адатынча...

Гитараны асындым да, диван-керебетке отуруп, терип ойноп кирдим. Айтмакчы, бул муңдуу күүнүн атын эмне деп атасам? Кандай ат жарашат? "Муң" же "Муңдуу сүйүү" десемби? Же "Арман дүйнө" деген ат жарашабы?..

Муңдуу күү үй ичинде сыздап жатты...

ххх

Канымдан ченелүү акча алган соң, атактуу "Дордой" базарын кыдырып, апама, ини-карындашыма кышка ылайыктуу бир сыйра кийим-кече алдым. Сагын акеге көк түстөгү спорттук жемпир-шым тандадым. Ал киши мындай кооз, бышык, сымбаттуу спорттук кийимдерди жакшы көрөт. Кийим тандоого анча шыгым жок болсо да, көз өлчөм менен боолголоп жүрүп, бышыгын, кымбатын, коозун сатып алдым. Мындай ишке байкушум Зина кыйын эле... Тирүү болсо, мүмкүн бул кийим-кечелерден башкасын тандап, көзүмдү ачмак... Каным жардам бергиси келип турса да, эже-жездеси иште болгондугуна байланыштуу балдардан чыгалбай калды.

Билинбеген менен сатып алгандарым орто көлөмдөгү чаар сумка менен бир болуптур. Базардан түз автобекетке алып келип, жүк сактоочу бөлмөгө тапшырдым. Ары-бери ташый бергенден көрө эки иштен бир иш деп чечтим. Буюрса, эртең менен ушул жерден айылга такси менен кетем.

Эми дагы эки иш калды. Биринчиси, "Балбанга" барып, машыктыруучум Анатолий Ким менен коштошуу. Кышкы каникулдан соң, башка спорттук клубка кирүү тууралуу ойлонуп көрөм. Тарастын криминалдуу тобу колго түштү. Бирок, аларды түп тамырынан жок болду деп айтыш кыйын. Экинчиси, Мадина менен сүйлөшүп, ыгы келсе айылга баруудан баш тарттырышым керек. Себеби, атамдын көзү өткөндөн кийин эркек колу тийбеген эски үйүбүздү шаардык тартип, тазалыкка көнгөн кыздын көрүшүн каалабадым. Апам жер-жемиши кем тоо жеринде дасторконун деле толтуруп коө албаса керек. Мындан сырткары кыш күндөрү тоолуктардын өздөрү үчүн гана көңүлдү ача турган жакшы той-топур, шеринелери болбосо, сырттан баргандар тунжураган, кар баскан айылдан тез эле жадап кетишери анык.

...Кечке жуук "Балбанга" келдим. Эшик тоскон вахтөрдун жанында отурган бейтааныш, албеттүү эки жигит мени кунт коө карап калышты. Өтүп барып кылчайсам, дале тигилип турушкан экен. "Балбанга" бекер кайрылгандыгымды ошондо гана түшүндүм. Булар болду-болбоду Акбардын кишилери...

Анатолий Ким көрүнбөйт. Группадагы балдарды анын жардамчылары машыктырып жатыптыр.

Залдын гана эмес душ, ажаатканалардын, бөлмө аттуунун бардыгынын терезелери киши тургай мышык өтө алгыс темир тор менен кадалган. Жашыруун чыга турган эшик жок. Эмне кылыш керек? Бирок, бул жердеги балдар мага болушарын тиги немелер жакшы түшүнүшөт. Буркан дагы каникул болору менен үйүнө кеткен.

Отурган эки бейтаанышты дагы бир жолу карап коюуну ойлоп, чечинчү бөлмөдөн айнек аркылуу көз жиберсем, орундары бош. Чыгып кетишиптир. Мүмкүн башка иштер менен жүргөндөрдөндүр? Ыгы жок шекчил болуп баратам...

Жок, жаңылбаптырмын: аялдамага кетип баратып, акырын жол бойлой жылып келе жаткан тааныш жигулини көрдүм. Нурбек экөөбүздү коркутуп, так ушул жигулиге салып кетишкен. Ошол замат кабат үйлөрдүн арасына бурулдум...

Эки караан артымдан калбай кууп келатты. Алардын куралдарынан сестендим...

Кабат үйлөр бүтүп, чалчык суусу тоңуп калган өзөнгө түштүм. Төмөнүрөөктөн көпүрөнүн карааны көрүнөт. Өйүзү жапырайган жер үйлөр. Тоңгон муздарды качыратып өйүзгө чуркап өттүм. Арттагылар да чарчап же адашып калышпады. Бул ирет колдон чыгарышса, экинчисинде таптакыр таппай жер сыйпап калаарын түшүнүштү көрүнөт. Үйлөрдүн арасында тар, ийри-муйру көчөлөр абдан көп экен. Жүгүрүп баратып жыгылганы калган тор тосмону жөлөп койгон билектен жоонураак рейканы сууруп алдым. Кезектеги чукул бурулуштан буруларым менен бурчка тура калдым да, тапылдата жүгүрүп келгендердин биринчисин чокуга бир чаптым. Экинчиси бел курчоосунан пистолетин сууруп чыкты. "Тарс" эткен үнгө удаа анын чокусуна таягым ойной түштү. Негедир сол бутум ысый түштү да, сан ылдый жылуу нерсе куюла баштады.

Кырлуу рейка таамай, катуу чабылгандыктан экөө тең эстерине келе алышпады. Чоң көчө менен жеңил машина өттү. Жигули болуш керек, буларды издеп жүрөт. Жерде жаткан пистолетти алдым да, колдойтуп коюн чөнтөккө салдым.

Бир азга чейин эптеп басып бардым да, дубалдарга сүйөнгөн бойдон жүрүп отуруп чоң жол жээгине жеттим. Катарымда "Даам" аттуу үлгүлжү азык-түлүк саткан дүкөн бар экен.

- Телефон барбы?

- 3 сом төлөйсүз - деди сатуучу эки жакшынакай орус кыздын бири.

...Адыл аке бир кызматкери менен жетип келди. Аларга удаа сиренасын кыйкыртып, тезжардам да пайда болду, чамасы буларга Адыл аке телефон чалган сыяктанат. Мени жөлөп-таяп тез жардамдын ичине алып киришти.

- Бактың бар экен, сөөгү аман калыптыр. Ок балтыр этти учкай көзөп өтүптүр, - деди көз айнекчен врач аял укол сайып, керектүү дары-дармегин койгон соң, бинт менен бекем таңылган санымды таптап.

- Сиздер кете бериңиздер, рахмат, - Адыл аке тигилерге күбөлүгүн көрсөттү.

...Эстери оогон эки бандит орундарында жок. Мен ыргыткан рейка гана жатат.

Жаңы үйүмдүн жанына келип токтодук.

- Өзүң чыга аласыңбы?

- Чыгам... Адыл аке, эми булар мени тынч коюшпайт.

Ал адатынча унчукпай тамеки чегип жатты. Түтүн кабина ичинде уюлгуп турду.

- Айылга кет... Бир жыл дайынсыз жоголбосоң болбойт.

- Окуум эмне болот?

- Академический алып беребиз. Университеттеги документтериңди өзгөртөбүз.

- Акбарды колго түшүрүүгө болбойбу? Өрт өчүргүчтөр, темир жолго жакын жердеги автоматтык түрдө ачылчу дарбазачы...

- Э-эй, ал үчүн көп убакыт, убаракерчилик керек. Кыркы чал Акбар тууралуу эми-эми гана маалымат түшө баштады. Аны дагы сен айтып жүрөсүң. Сен болсо, ал таякчан экенин, кыркырап сүйлөөрүн гана билесиң, өңү-түсүн көргөн эмессиң. Бизде ал тууралуу досье жок. Кармаган күндө да камаш үчүн негиз болуш керек... Кыскасы, Жоробек, өмүрүң коркунучта. Из жашыра тур. Биз өмүрүңдү сактай алабыз деп кепилдик бере албайбыз.

Мен унчукпай калдым.

- Анда коштошолу. Ойлон. Эртең телефон чалгын...

ххх

Зыпылдап учкан такси аппак кар жамынып, сырдуу мелтиреген бийик тоолорду карай ашыга алып кетип баратты. Жол жээгиндеги жылаңач дарактар, үйлөр санаттан өткөнсүп, биринин артынан бири шып-шып артта калат. Уламдан-улам кир, ызы-чуу, адамдар быкпырдай кайнаган шаардан алыстап, тыптынч, таза абасы көңүл сергиткен бийик тоолуу аймакка "качып" кетип бараткансыйбыз...

Кайтсам, эми бир жылдан кийин кайтам. Үйүмдү Канымдын эжеси менен жездесине убактылуу калтырдым. Коммуналдык акысын өз маалында төлөп, мен кайра кайтып келгенче жашап турмак болушту...

Катарымда отурган эки аял тааныш немелер экен, өздөрүнүн түгөнбөгөн жол жомокторуна киришти.

Колумдагы чакан, түсү кара "Сони" диктофонун ары-бери оодарып, ал-жак, бул жактарын кармалап жатып, кнопкасын бастым. Лента шуулдап барып: "Жора, - деген кыздын үнү чыкты, добуш бир аз өзгөрүп угулгандыктан а дегенде Зина деп ойлободум, - аман жүр, элдин талабын, ый-муңун, проблемасын жазган чыгаан журналисттерден бол! Сага жалаң жакшылыктарды гана ыроолойм. Зина", деп, анан чык деген добуш чыкты да үн шарт токтоду.

Жүрөк тилингендей сыздап баратты. Жыл айланбаган кыска убакыттын ичинде көп сырдуу, анан чырдуу иштерге аралаштым. Буга айтып отурсам ишенген кишим Сагын аке да ынана койбос эле... Болгону мен Зина аркылуу гана шаар криминалынын жайган торунун бирине капысынан бекем илинип калдым көрүнөт.

Жакшы жана жароокер кыз Зина эми жок.

Жүрөк ачышып, көз кычыктарыма жаш тегерене түштү.

Аппак кар жамынган киндиктеш, жүрөктөш, тынч, бейпил тоолор жакындап келатты.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз