Чолпонбек Абыкеев


Бриллиант жылан


(Чыгыш детективи, 2-бөлүк )
2-китеп



Азияттын иши акыркы айларда улам кыйчалыштай берди. Фаризат менен Саиддин дайны чыкпай жоголгону аз келгенсип наркосоода менен алектенген жигиттери Оштон ири өлчөмдөгү товар менен кармалып калды. Бүт товар күйүп кетти. Ички иштер министрлигине жаңы келген Министр Азияттын "ортомчуларын" жанына да жакын жолотпой "секирет".

- Канчага секирээр дейсиң. "Төрт эмес, тогуз тарабынан кысымга алгыла", - деген буйругунан да эч нерсе чыкпады.

Жандарынан корккон жигиттери бүт күнөөнү өз моюндарына алып кете беришти. Же товарын, же колдон суурулган шылуун жигиттерин бошотуп ала-албаганга Азияттын нерви бузулуп, ал түгүл өзүнүн жеке догдурун чакыртып көрүнүп, дары ичкенге аргасыз болду.

"Цыган почтасы" кылмышкерлердин чөйрөсүндө кабарды шамалдай таратат. "Азият баягы эмес. Кадыры кете баштады. Жакында наркотовары менен кармалган жигиттерин бошотууга жараган жок" деген кабар тез эле кыргыз, казак, өзбек эмес бүт КМШга жайылып кетти. Мурда Азияттын колтугуна кирип күн көргүсү келген майда соодагерлерден баштап ирилерине чейин четтей башташты. Иштин арты ушундай болорун билген. Ошондуктан, аракетин деле аябады. Чындыгында колунан эч нерсе келбей койду.

"Чын эле бүт касиетимди "Бриллиант жылан" менен Фаризат алып кеттиби? Мурда атымды укса астымдан кыя өтпөгөндөр тескери бурулчу болду. Көзүмдү тике карабоочулар кайрып сөз айтчу болду" деп капа болуп отурса, "кабар" келиптир. "Сиз менен сүйлөшө турган сөз бар. Жолугалы. Астына ала ачыгын айтайын. Сизде бир кымбат буюм бар экен. Ошол мага керек болуп калды. Баасын ойлоно келиңиз. Сизди урматтаган "Рыжый" Болот, Алмата" деген.

"Кабарды" окуганда ордунан секирип кетти. Сөз "Бриллиант жылан" жөнүндө баратканын илгиртпей сезди.

- Эх Протез... Протез... тирүү экенсиң да. Акыры суу үстүнө калкып чыгарыңды билгем. Сендей чириген дөңгөчтөр акыры жээкке чыкмак.

Эрдин тиштеп, ойлонуп отуруп калды. Рыжый Болотту жакшы билет. Нечен уккан. Акыркы жылдарда улам күчөп баратканын да билип жүрчү. Бирок, "Азияттын дарегине чейин сөз кайрууга жетишет" деп ойлобогон.

Көздөрүн жуумп көпкө үнсүз отурду. Кантсе экен. Аңгыча, кыйынчылыктан чыгуунун жолу башына өзү келди. "Кандай гана абалдан болбосун чыгуунун жолун таба билчү элем дейм да", - деп өзүнө өзү куштарлана да түштү.

"Рыжый", "кабарыңды" алдым. (Атайлап Болот деген атын кошпой, "Сен ким элең эсиңе келсеңчи" деген мааниде какшык аралаштыра жазды). Эгер кулагың укканы чын болсо, ошол угузган "кабарчынын" нак көзүрүн (ортомчусун эмес) мага белекке жибер. Калган сөз анан улансын. Сени урматтаган Азият" деп өзгөчө кол коюлган "кабар" жолдоду.

Бул иш ушинтип эле "кабар" алмашуу менен бүтүп калбасын Азият түшүнүп турду. Коргонууну чыңдап, жолугушууга даярдануу керек. "Буюм" жок. Колдон учуп кеткен. Андан көрө издешүүгө жардам бер" дегенде ага ким ишенет. Ишенген күндө да ансыз деле сынып турган кадыр-баркы такыр тебелендиде калбайбы? Акыркы алты айдан бери "Фаризат менен Саидди издетем" деп өзүнүн "чарбасына" такыр көңүл бурбай калганын "кабардан" улам даана билди. Болбосо, Рыжый Болотко окшогондор "кабар" жиберүүгө батынмак беле.

Өткөн жарым жылда үч жолу болгон чоң разборкаларга өзүнүн кишилеринен эч ким барбай калган. Өзүнүн көздөй ишенимдүү кишиси "мыйзамдагы ууру" оор кылмышы ачыла турган болгондо, Италияга качып кеткен. Учурунда тиешелүү кабар берип, коргоого көмөктөшө албаганы үчүн ал да Азиятка нааразы экендигин Италиядан жүрүп билдирген.

Төрт тарабындагы "коргонду" дайым чыңдап жүрчү Азият бүгүн улам бир тарабындагы коргону ыдырап кулай берип, ачык, коргоосуз калганын билип отурат. "Фаризат, сени акыры табып, түбүңө жетээрмин" деп кекенип алды. "Бөрү карыса бир койлук дейт. Бул Рыжый өзүн "чоң кожоюн" сезе баштаган экен. Али Азият өзүнүн ким экенин көрсөтүүгө күчү жетет" деп кекенип алды.

Ушул эле күнү тиешелүү адамдарга, шашылыш, кийинки жумада жолугушууга "кабар" жолдоду.

ххх

Гонконгдогу шаардан четкерээк бөксө тоонун түбүнөн, деңиз жээгине жакын жерден өзү өтө байлардыкындай чоң аянт ээлеп заңкая көзгө көрүнүктүү курулбаса да чакан, оюнчуктай кооз, ошол эле маалда анчалык тегеректегилерди өзүнө көңүл бөлгүдөй деле эмес, бүт айланасы калың бак менен курчалган вилласында жатып, Фаризат бүгүн Азиятты эстеди.

Арадан жарым жыл учкан куштай өтүптүр. Азият күн сайын жүрөгүнүн башында "качан табаар экен? Качан кыжыры келсе заары чыга түшчү көздөрүн тикчийте кадап, "Менден качып кутулам дедиңби?" деп маңдайымдан чыгаар экен деп эстесе, бүгүн "Ушундай жашоодон көрө Азияттын шимшүүрлөрү кармаса да мейли эле. Акыры башта бир өлүм... Балким, күнөөмдү кечет беле. Кантсе да сүйчү эле го" деп эстеди.

Үйүнө келери менен муздак душка түшүп жатып, бардык эле аялзатына тиешелүү адатты карматып, буркурап ыйлап алды.

Анын кудай берген сулуулугун, аялзатына тиешелүү наздыгын барктаган, сыйлаган, аяр мамиле жасап, өзүнөн башкага ыраа көрбөй, таза урунган Азият гана болгонун бүгүн дагы бир жолу билди. Буга чейин да ушул өткөн алты айда бир нече жолу билген, бирок, бүгүн өзгөчө болду. "Кайсыл кара шайтан сайган күнү эсирип, эсинен ажырап, Азияттын көзүнө чөп салып, дүйнө кыдырып даң салып эркиндик эңседим экен" деп ичтен боздоп турду.

Жатса бир топко чейин термелип туруучу диванга кулап түштү да, көзүнөн чуурган жашты сүртүп да койбостон, түрлүү гүлдөрдүн сүрөтү салынып тирукмуш кооздолгон шыпты тиктеп жата берди.

Анын көзүнө шыптагы гүлдөрдүн кооздугу эмес, өткөн алты ай элестеп жатты.

ххх

Саид экөө Алматыда көп болсо үч күн токтойбуз дешкен. Жок, туура үч жума жатышты. Дагы Фаризаттын чечкиндүүлүгү менен жолго чыгышты, болбосо, дагы канча жатышаарын бир кудай билмек.

Саид айтканындай эле эки күндүн ичинде экөөнө паспорт жасаттырды. Бири, казак Кокенеев Серик, бири, казак кызы Кокенеева Анара болду да калды. Ошол эле күнү "Машинаны" капкара "Опел жипке" алмашышты. "Эрди катын эмес эки бөлөк фамилиядагы документ албайлыбы?" -дегенге Саид "Документтерибиздин ушундай болгону оң" деп болбой койду.

"Иштин жакшы башталганы үчүн" деп ал күнү экөө шаардагы "эң мыкты" деген ресторанга барышып чардашты. "Көп анча көзгө көрүнбөйлү" деп жеке менчиктеги мейманканага турушкан.

Саид кантсе да чалгынчынын мектебинен өткөн эмеспи, ресторанда өзүн жакшы кармаган менен мейманканага келип, өздөрүнчө калгандан кийин чектен чыга ичти. Ал түгүл туруп басууга жарабай жөргөлөп, жаткан ордунда кусуп, оонап калгыча ичти. Биринчи күнү Фаризат өзү да эсинен кеткиче ичкен менен экинчи күндөн баштап мурда мындай ичип көрбөгөн неме ичкиликти көрмөк түгүл жытына да жолой албай калыптыр. Саид болсо, туруп көзү ачылганда эле колун бөтөлкөгө сунат.

Фаризаттын "Бул шаарда көп кармалганыбыз болбойт. Эртелеп башка жака жылалы" дегенине Саид "Эч коркпо, Азият тескерисинче бизди колтугунан издебейт. Алыстан издейт. Из суутуп жата туралы" дейт да, кайрадан ичкиликке өтөт. Акыры Фаризаттын Саид Азиятты жазгырып эмес, ичкиликтен кутула албай жатканына башы жетти.

Буга чейин күнү-түнү өзүнө карабай сасып - ирип, ичкиликтин кулу болуп жатып калган эркекти көргөн эмес. Фаризаттын перидей сулуулугу да баш жазуудан кымбат эместигин Саид билгизип койду. Өмүр бою бирөөнүн карамагында катуу контролдун астында жүргөн неме "Өзүмө-өзүм кожоюнмун" деген эркиндик алганда өзүн-өзү башкарууга жарабай далдырап, оюна келген акмакчылыкты жасап калаарын Фаризат түшүндү. Мына ошондо Азиятты бир эстеди. Ченемсиз байлыгы турса да, бийлиги турса да, дайым өзүн-өзү катуу кармап, мына азыр барып, бирөөнүн астына отчет берчүдөй дайыма бардык ишин такыба тыкан жүргүзөөрүн, бир да жолу ишинен калбай, ал түгүл кечикпей, убада берген жолугушуусун калтырбай ашкере жоопкер экенин эстеди. Ошондо бармагын биринчи тиштеди.

Мындан ары Саидге ишенбей өз камын өзү астына ала тымызын пландай жүрбөсө болбосун да түшүндү.

Жүрөгүн жеген жалгыз буюм "Бриллиант жылан". Муну кантип чет өлкөгө алып өтөт? Кимге сатат? Саткан күнүнүн эртеси эле кармалып калбайбы? Миң сан суроолор. Кайдан да "Бриллиант жыланды" алды эле. Балким, бул кымбат буюмду албай акча менен эле качса болмокпу. Кайра өзүн жооткотот. Качарын качты. Эми өкүнгөндө пайда жок. Деги эле бир тыйын албай өз башын алып качкан күндө да Азият издетмек. Анын кекчил экенин, өзүнүн намысына шек келтирген ар бир майда нерседен бери өзгөчө маани берип, жөн калтырбасын Фаризат жакшы билип калган.

Саид мына эсине келет, ана эсине келет менен арадан эки жума өткөндө, Фаризат чындап Саидден түңүлдү да, биринчи кезекте "Бриллиант жыландан" убактылуу кутулууну туура тапты. Эки күн ойлонуп жатып оңтойлуу бир жерге катуудан башка жол таппай, эртең менен эрте Саид корулдап уктап жатканда жолго чыкты.

Түндө түшүнө, бир учурда Азият экөө кооз жерлерди кыдырып жүргөндө көргөн, Кыргызстандагы Долон деген ашуунун аркы бетиндеги чакан капчыгайдагы кол менен жасап койгондой болгон таш үңкүр кириптир. "Бриллиант жыланды" так ошол жерге катып жаткан экен. Тим эле өңүндөгүдөй көрдү. Ойгонсо таң атып келатыптыр. Ордунан ыргып турду да шаша кийинди.

Күнгө чагылышып жаркылдаган капкара жип Долондон ашканда күн түштөн ооп калган. Эч жерге токтоп тамак да ичпеген Фаризат тим эле учуп- күйүп келатты. Анан калса жолу да шыр болуп, бажыканадан да эч ким тоспой, токтобой өттү. Долондон ашкандан кийин тээ канча жыл мурун көргөн жерин "Унутуп койдум го, таба албай убара болоор бекенмин" деп санаркаган. Жок, баары көз алдына картинадай тартылып, тим эле колунан бирөө жетелегендей баратты.

Мындан ары машина жүрө турган жол түгөнгөн жерге жеткенде, жеңилдене дем алып, кичинеге машинадан чыкпай айланага байкоо жүргүзүп отурду. Эч ким көрүнбөйт. Машинасын бекитип, "Бриллиант жылан" салынган кутуну артынчагы бар мешокко салып дайындап алган эле, аны артына асынып, жапыз бойлуу Тянь-Шань карагайлары өскөн тик бетке чыга баштады.

Көздөгөн жерине жеткенде, күн тоо баштарына таянып, кыпкызыл болуп батайын деп калган. Үңкүрдүн оозуна "акыры жеттим го" дегенсип шалак отура кетти. "Балким, кеч жетсем кереги тийээр" деп кол фонаригин алып алган эле. Көп отурбай кол фонаригин жандырып, үңкүрдүн ичине жөрмөлөй кирди. Үңкүрдүн оозу да, ичи да тар болгондуктан, жөрмөлөп гана жүрүүгө мүмкүнчүлүк бар болчу. Фонардын жарыгына салып кымбат буюмду "кайсыл жерине катсам" деп ыңгайлуу орун издеп кирди. Акыры аны да тапты. Кудай өзү атайы "Бриллиант жыланды" катсын деп жасатып койгондой жер экен. Фаризат өзү гана так айтып бербесе, үңкүргө кирген адам үч көтөрө издесе да эч табылбачудай.

"Бриллиант жыландан" кутулганда кадимкидей жеңилденип, санаасы тына түштү. Ал түгүл катып жатканда кутуну ачып "Бриллиант жыланды" кароого кудурети жетпеди. Коркконго кош көрүндүбү же чындап эле ошондой болдубу, коюп жатканда куту кадимкидей кыймылдап, ичиндеги жылан оодарылгандай туюлуп кетти.

Баары жайында болгондон кийин үңкүрдөн жөрмөлөп чыгып, артында "шектүү эч кандай из калган жокпу" деп кайра да бир фонардын жарыгы менен текшере карады.

Үңкүрдүн таманы каксоо болуп бирөө атайлап шыбап койгондой жылмакай, ичи таза болчу. Катуу жаандарда айрым бир жаныбарлар корголоп оозуна кирбесе түбүнө эч нерсе барбаса керек. Башка үнкүрлөрдөгүдөй нымдын жыты жок.

Бул үңкүргө жапайы жан-жаныбарлар да жолобошуна Азият таңданып, босогодогу эски арчанын жаракаларынан шамал жүргөн сайын түрлүү ышкырыктар, адам үнүнө окшогон үндөр чыгып турат экен, балким ошондондур деген. Азиятты эстегенде Фаризат үшкүрүп жиберди. Так ушул үңкүрдө Фаризаттын "Койчу эми, мейманканага барганда" дегенине болбой басып алып, тим эле биринчи көргөнсүп ашыкча албууттанып кошулган. Анан Фаризаттын ышкысы ойгонуп кетип, кайра Азиятты басып алып экөө тең бул дүйнөдө экөөнөн башка эч ким жокчо бүт кийимдерин чечип ыргытып жиберишип, олпокто жатышкансып мына ушул каксоо жерде улам биринин үстүнө бири чыгып, оонап, бирине-бири канбай таң аткыча махабат жыргалына батышканы көз алдына тартыла, ысык жаш жүзүнөн чуурду. Эми эле арчалуу бетте келатып жок болуп кеткен экөөнү таппай, Азияттын телохранителдери таң аткыча суй жыгылышкан экен. Алардын издеп кыйкырган үндөрүн экөө укпаптыр. "Бул бир укмуш сырдуу үңкүр экен" деп Азият ошондо таңданып калган. Фаризат махабаттын жыргалынын туу чокусуна жетээрде дайыма ушул үнкүрдөгү каксоо жерде чабалактап жатканын элестетип жиберчү.

Мына, ушул үнкүрдө отурганда кайра кайрып оңдогус катачылык кетиргенин туйду. Ошондо да, "Иш жаңы башталып жатса, кайра артка кылчактабайынчы" деп өзүнө-өзү кайрат берип, жөрмөлөй эшикке чыкканда күн эчак батып, айлана күүгүмдөй баштаган экен. Караңгы кире электе машинасына жетип алыш үчүн шашыла төмөн түшө баштады.

Бутун тартууга дарманы калбай, түн ортосунан оогондо араң мейманканага келсе, Саид дагы деле ылжыган мас абалында уктап жаткан экен.

Кетип жатканда мейманкананын тазалыгын тейлеген кызга "Эгер Саид сурап калса, дүкөнгө кийим алам деп кетти де" деген.

Көп деле такып сурабаптыр. "Бардык катындар бирдей, эс дарттары кийимде" деп сөгүнүп койгон экен да, кайра ичип кириптир.

Жыландан санаасы тынгандан кийин Фаризат мындан аркы кадамды өзү ойлоно баштады. Саиддин оюна койсо, айлап болсо да арак ичип жата берчүдөй.

Азияттын айрым жигиттери атайын тапшырма менен жумалап арак ичип калганда кайра калыбына тез келтириш үчүн канына капельница менен гемодез куйдуруп бутуна тургузганын, гемодез алган жигиттер аракка уулангандардай калтырап-титиреп "баш жазмай" сурабай, деги эле ичпеген кишилерче оңолуп кетерин нечен көргөн. Мейманкананын кожоюнун чакырды да "Эртең ушул жерге келип гемодез куюп бергендей догдур тап, сураган акчасын берем", - деди.

Өзү муздак душка жуунду да, "тынч эс алайын" деп өзүнчө бөлмөгө жатты. Ачыган арак жыттанган Саидди көрөйүн деген көзү жок болчу.

Тырп этпей уктаптыр. Эртең менен Саид кызматчы кызга "арак, анан ысык борү алып кел" деп заказ берип жатканда ойгонуп кетти. Ич кийимчен өз бөлмөсүнөн чыга калды да:

- Борү апкелсең апкел, бирок, арак апкелбе. Эч кандай арактын кереги жок - деди үнүн өкүм чыгара. Көздөрү ачылбай шишиген Саид:

- И-имне. Көп мага кийлигишпесеңчи. Сен ким болуп кеттиң ошончо? -деди Фаризатты карап.

- Менин ким экенимди азыр көрөсүң. Барыңыз! Буга борү, мага куурулган эт, бууланган картошкасы менен анан туздалган балык апкелиңиз! - деп кызматчыны чыгарып жиберди да кайрылып Саидди акырая тиктеди.

Өмүр бою "кайсыл жерден жаңылыш басам" деп коркуп жүрүп жүрөгү жалтаң болуп калган Саид тиктешүүгө жарабады.

- Болду... болду... түшүндүм. Мен көбүрөөк ичип койдум. Эми токтотом. Бирок, медициналык жактан алганда да пахмель ичпесем жүрөгүмдүн кагышы токтоп калышы толук мүмкүн. Ал эми менин жүрөгүмдүн токтобой кагып турушу мага эле эмес сага да абдан керек, сулуум - деп сөөмөйүн чычайта көтөрүп койду.

- Билем. Билгеним үчүн догдур чакырдым. Азыр капельница менен гемодез аласың. Андан кийин кадимкидей тамактанасың.

- И-имнээ, капельница менен гемодез?

- Ооба. Гемодез!..

Саид үн дей албай калды. Ичинен "Ух-х жылан. Кантсе да Азияттын тарбиясы да. Гемодезди билгенин кара" деп ойлоду. Ошентсе да бир нече күндөн бери өзүн кожоюн сезип, өз билгенин кылып калган бийлигинен айрылгысы келбеди.

- Сен мага көп чоң болбо. Мен өзүм билем пахмель ичемби, гемодез аламбы...

- Эч кандай өзүң билбейсиң. Өзүң билип үч жумага жакын оңкоңдон түшүп оонаганың да жетишет. Мындан ары менин айтканымдай болот. Жок, антпейт экенсиң азыр Азиятка "Саид мени коркутуп алып чыгып, азыр туткунда кармап жатат. Куткарыңыз?!" деп телефон чалам.

- Им-инээ, кана чалып көрчү,-. Саид Фаризатты көздөй басты эле, Фаризат сол колтугунан шарт пистолет сууруп чыкты.

- Дагы бир кадам жасасаң атам.

Саид шалдайып туруп калды. Азияттын атын укканда мээси кагыла түшкөн.

Фаризат текчедеги телефондун кулагын пистолетти сунган калыбында сол колу менен бурай баштады.

Саиддин жүрөгү оозуна тыгылды. Эгер звонок кетсе Фаризат сүйлөшпөгөн күндө да Азият телефон кайсыл шаардан чалынганын "сокур ит бок жалагыча" таптырып алмак.

-Фаризат, эсиңе кел!? Телефонду дароо ташта, - деди үнү каргылдана. Саиддин өңү бир башкача кубарып, колдору калтырап кеткенин көргөн Фаризат телефон менен ойноого болбосун түшүндү. Ошондуктан, акыркы номерлерди тербей, трубканы ордуна кое салды.

- Кана айтканды аткарасыңбы?

Убакыт коротпой Саиддин макулдугун алгысы келди.

- Аткарасыңбы?.. Аткарбайсыңбы, ачыгыңды айт!?.

- Телефон менен ойнобой жүр. Азият сен сүйлөшпөгөн күндө да эгер звонок кетсе кайсыл шаардан экенин билип алмак. Алматыдан экенин билген соң номер аркылуу биз жаткан мейманкананы таптырмак. Жарым саатка жетпей экөөбүз Азияттын жигиттеринин астында бүрүшүп отурмакпыз. - дей чекеси менен моюндарынан аккан терди колу менен аарчый, креслого шалдырай отура кетти. "Жарым саатта кармалмакпыз" дегенди укканда, Фаризаттын жүрөгү да болк дей түштү. Ошондо да сыр бербей:

- Эгер сен мен айтканды так аткарбасаң, мен Азиятка колго түшүп берүүгө даярмын. Мени Саид алдады, коркутту дейм...

- Фаризат баланын сөзүн сүйлөгөнүңдү токтотчу. Сенин сөзүңө эки кулагын делдейтип "Байкушум, сени коркутуп кор кылган тура" деп ишене калчу Азиятты ким ойлойсуң? Сага окшогон катынды мендейден бешөө келип да коркута албайт. Бул биринчиден. Экинчиден, Азиятка колго түшсөк экөөбүздүн тең көрөр кордугубуз да, кыйнообуз да бирдей. Азиат өзгөчө өзүн башка эркекке алмаштырган аялды аябайт. Сендей никелүү аялы эмес көңүлдөштөрү көзүнө чөп салса жан жерине темирди кыпкызыл кылып ысыттырып туруп салдырчу. "Балким, байкуш болуп бүжүрөсөм менин күнөөмдү кечпесин" деген оюңду көчүгүңдү арчыган кагазга ороп туруп сууга агыз. Экөөбүз кааласаң да, каалабасаң да бир кайыктабыз.

Фаризаттын муундары калчылдай түштү. Саиддин сөзүндө чындык бар эле. Азияттын каарынан кутулуу мүмкүн эмес экенин өзү деле билип турган. Эмне кыларын билбей колундагы пистолетин кайра колтугундагы кынына салды да:

- Эгер сен эс-учуңду билбей ушинтип алкаштарча оонап ичип жата берсең, бүгүн болбосо да эртең сөзсүз Азияттын колуна түшөрүбүз бышык, - деди үнүн пас чыгарып.

Саид сүлгү менен терин кайра-кайра сүрүп үн деген жок.

Аңгыча эшик кагылып догдур келип калды. Фаризат Саидди карады эле Саид үнсүз ордунан туруп, жатуучу бөлмөгө басты. Акыры жеңиш өзү тарапта экенине Фаризаттын көңүлү көтөрүлө түштү.

Мына ушул окуядан кийин Фаризат Саидди арактан алысыраак кармоого тырыша баштады. Арак ичпесе Саид колдон суурулган эпчил, шайыр жигит болуп чыга келет. Экөө Алматыда көпкө кармалбай Иркутскиге өтүштү. Андан Улан-Удэге бир айга чукул туруп калышты. Иркутскиден өтө эле көзгө урунду боло берген "жипти" сатып жиберишти да жөнөкөй жаңы "Нива" сатып алышты. Улан-Удэден Саид экөөнө дагы эки документ тапты. Жаңы документтер боюнча Саид монгол, Фаризат хакаска болуп, аттары да өзгөрдү.

Улан-Удэден Монголияга Москвадагы тери иштетүүчү эки башка фирманын өкүлдөрү катары өтүштү. Бүт документтер ойдогудай кынтыксыз толтурулгандыктан, бажыканадан кыйынчылык деле болбоду.

Иш Монголияда Улан-Батордо жүргөндө татаалдашып кетти. Ири өлчөмдөгү доллар салынган чакан кутуну көп учурда Фаризат өз буюмдарына кошуп кармачу. Бир күнү Саид "экөөбүз чогуу көп болсок көзгө көп урунабыз ошондуктан, мезгил-мезгили менен жердеш катары гана жолугалы. Эки бөлөк мейманканада жаталы. Ошондуктан акчаны жана баалуу буюмдарды экиге бөлүп, ар кимибиз өзүбүзгө тиешелүүнү өзүбүз алып жүрөлү" - деди. Алгач Фаризат эмне айтаарын билбей аптыга түшсө да сыр бербеди. Ага Саид аны Монголияга таштап коюп куйругун түйүп качуучудай туюлду. Кичине ойлонгондон кийин:

- Акчаны гана бөлөбүз. Ал эми баалуу буюмдар жөнүндө эсиңе да алба -деди.

- Эмне үчүн. Баарын ортого коюп бөлөлү да? - деди Саид кызараңдай.

- Баса, эмне үчүн? Сен эмне өзүңчө качайын деп турасыңбы? Андай болсо ачыгыңды айт?! - деди Фаризат маселени кабыргасынан коюп. Саид жооп таба албай кайсаңдай түштү да:

- Мейли, азырынча акчаны тең бөлөлү. Бирок, баалуу буюмдар да экөөбүзгө тең тиешелүү экенин унутушпайлы - деди Фаризатты көздөрүн жүлжүйтө тиктеп.

Фаризаттын мына ушул күнү жүрөгүнө муз тоңо түштү. Буга чейин Саиддин артынан калбай киринен бери жууп, бүт иштерине кийлигишип, болгон акылын айтып, бир күн бөлүнсө санаа тартып жоктоп, кадимкидей аялдык сезими менен күйөө тутуп калган эле. Көрсө, бул оңбогон селсаяк жолбундун көөнү башкада тура. Чырды ырбатпаш үчүн үн деген жок.

Тескерисинче жашы кыркты таягыча бойдок жашаган Саид акыркы айларда Фаризаттын басса-турса тескөөсүнөн тажап кеткен эле.

Өзгөчө Улан-Баторго келгенден бери монголдун келишкен сулуу, жаш, арзан кыздарынан көзү өтүп өлүп жүргөн.

Чөнтөгү толо акчасы туруп көлөкөдөй ээрчиген Фаризаттын кесепетинен бир чардай албай бук да болуп кеткен.

Фаризат болгон акчаны алып чыкты да экиге бөлүп туруп бир бөлүгүн кайра катып койду да экинчи бөлүгүн дагы экиге бөлдү.

- Эмне эле кылып жатасың?! - деди алаңдаган Саид.

- Экөөбүз өмүр бою ушул моңголдордун малынын терисин жыйнап өтпөсөк керек. Эртедир-кечтир бул каргыш алган жерден кетербиз. Ошондо тигини бөлүшөбүз - деди жай гана.

Саид кекечтене түштү да, чырды көбөйтпөйүн дегенсип үн дебеди. Анын үстүнө берки бөлүнгөн акча деле мындан аркы жашоосуна жетчүдөй туюлуп кетти. Саиддин астында миллионго чукул жашыл долларлар пачкасы менен жаткан эле.

Чекеси чыпылдап тердеген Саид кантээрин билбей кайсактай түшкөндө, Фаризат чакан дипломатты сунду да:

- Ме, ушуга салып ал. Бир эскертээрим акча суу, азыр бар да эртең жок, сак бол, - деди.

- Мен сага жаш баламынбы..,- деп күңкүлдөдү Саид.

Ушул эле күнү Саид Улан-Батордон көп анча алыс эмес, чакан шаарчадагы мейманканага чыгып кетти.

Ансыз да жүрөгү муздап, Саидден толук түңүлгөн Фаризат ичинен "Бул аңгиден кутулуунун жолун табыш керек" деп чечти.

Мына ошол күндөн арадан эки ай өткүчө Саид менен сүйлөшө албады. Же ордунан таппайт. Же мас. Фаризат өзүнө чакан жеке мейманкана таап алып, ошондо жашап жүрдү.

Күндөрдүн биринде Гонконгтон келген бизнесмендер менен ресторанда отурса, ошолордун бири Фаризатты өзүнчө чакырып, Саид жөнүндө кеп куруп калды.

Көрсө, Саид мас болуп алып Фаризатты "Менин конкурентим. Мунун көзүн тазалаш керек, же Монголиядан кууш керек" - дептир. Саид экөө бири-бири жөнүндө деги эле сөз кылбоо жөнүндө убадалашкан. Балким, Саид мастык менен айткандыр. Ошондо да иш жаман жагына айланып баратканын Фаризаттын аялдык жүрөгү сезип турду.

"Гонконгдук бизнесменмин" деген кореец бизнесменге караганда кылмышкерге көбүрөөк окшоп турган эле.

Фаризат ага жайпактап жабышып, сырын дагы тереңирээк тартууга аракеттенди. Кореец менен бир жумага чогуу жашагандан кийин Фаризат Саид жөнүндө дагы жакшыраак билди. Кейпи, Саид Фаризатты кимдир бирөөлөр аркылуу коркуттуруп, анан өзү ортого түшүп "Менсиз сени ушинтип тебелеп кетишет" деп коркутуп алгысы келсе керек. Бир билгени экөөнүн ортосундагы ири суммадагы байлык жөнүндө айтпаптыр.

Ишти көпкө созбой Фаризат өзү Саидге телефон чалды да, шаардын борборундагы чакан кафеден жолугушууга чакырды.

Кафеге шаардын көчөдөгү сойкуларындай кийинип барды. Саиддин көзү алгач Фаризатты көргөндө чакчайып кетти. "Чын эле сенсиңби? Ушинтип калдыңбы?" - дегенсип.

- Тынчтан. Мен атайлап көзгө байкалбайын деп ушундай кийинип келдим, -деди Саидди жайгарып.

Саид алгач деги эле ичпей жүргөн немече ичкиликтен баш тартты. Фаризат:

- Кой. Экөөбүз канчадан бери жолугуша элекпиз. Кичине алып отур, -дегенде гана кыйналгансып макул болду. Экөө караңгыраак бурчтагы өзүнчө бөлмөдө отурушту.

Арадан бир жарым саат өтпөй Фаризат жалгыз чыгып кетти. Түн ортосу оой "мас болсо ойготоюн" деген официант "Саид өлүп калыптыр" деп билдирди. Жанынан бир да документ табылбагандыктан, моргко таштап коюшту. Судмедэксперт болсо, катуу уулануудан жүрөгү токтоп калган. Кейпи, аракты көп ичсе керек" деген жыйынтык чыгарып койгондуктан, ишти кызыгып териштирген деле эч ким болгон жок. Официант "бир сойку менен отурган" дегенден башканы айта албады.

Фаризат ушул эле күнү эркекче кийинип алып Саиддин мейманканадагы бөлмөсүнө барып тиешелүү документтер менен калган акчаны алып чыгып кетти. Мейманкана катардагы карапайым кирген-чыккан киши көп мейманканалардын бири болгондуктан, эркекче кийинген Фаризаттын бөлөк бөлмөгө кирип чыкканын байкашпады.

Мунун баарын Фаризат астына ала аябай кылдат пландап чыгып жасады. Жанында документи жок Саид ким экени белгисиз боюнча кала берди. "Анын аты-жөнү белгилүү болгуча мен бул өлкөдөн чыгып кетем" деп ойлогон.

Күтүүсүздөн өзүн капканга салып алганын билбеди.

Арадан үч күн өткөндөн кийин баягы "бизнесменмин!" деген кореец келди да түз эле:

- Сенин Саид досуңду уулантып өлтүрүшүптүр го, уктуңбу? - деди.

Анткени, жергиликтүү кечки газетага "ууланып өлгөн белгисиз адам жөнүндө аты-жөнүн билгендер болсо кабарлашкыла" деп Саид сүрөтү менен чыккан эле. Бакыйып даана тартылган Саидди көргөндө Фаризаттын жүрөгү кабынан ыргып кете сактаган.

Кантсе да аялдык кылып кореецтен да оңдуу жооп айтып кутулуп кете албады.

- Жок уккан жокмун. Балким калптыр. Анын кимге кереги бар дейсиң ,-деди сөздү башкага буруп.

- Жок, так өзү. Мен даана тааныдым деди да кореец чөнтөгүнөн газетаны сууруп чыкты. - Гэсэр-Хан бекен?! (Саиддин монголчо аты) Фаризаттын көзүнө такады.

- Ошол. Байкуш Гэсэр-Хан. Так эле өзү, - деди Фаризат биринчи көргөнсүп.

- Сен милицияга барышың керек. Барып ким экенин, эмне иш кылганын бүт айтып бер. Эгер өзүңдү жаман сезип турсаң чогуу баралы, - деди кореец.

Фаризат алдастай түштү. Милицияга баруу деген өзүн кармап берүү болчу.

- Менин милиция менен эмне ишим бар. Ансыз да башка ишим чачтан көп. Аларга жөн гана убактым коройт. Сен деле аларды билесиң да. Болбогон нерселерди сурап башты оорутушат, - деди кореецке жалдырай карап.

- Жок. Болбойт. Барышың керек,- деди кореец көгөрүп. Фаризаттын айласы кетип турду. Нечен жолу колтугундагы оозуна глушитель тагылган пистолетин шарт сууруп чыгып оңбогон кореецти торойто аткысы келди. "Балким, бул мага кеткенин бирөөлөргө айтып койгон болсо кантем" деп ойлоду. Анын оюн окугансып кореец да:

- Мен сага жолугушканы кеткенимди досторума айтып кеткем. Алар азыр күтүшпөйт деле - үч сааттан кийин жолукмакпыз. Биз ага чейин милицияга кирип чыккыча үлгүрөбүз. Менин машинам бар,- деди. Айласы кеткен Фаризат:

- Эмне эле милиция... милиция деп калгансың, андан көрө кел үч саат бою пайдалуу иш кылалы, - деп чайпала басып келди да тигинин моюнуна колдорун артып балтырын буттарынын ортосуна сойлотту.

- Сен эмне монголдордун милициясынан чоочуп турасыңбы? Балким, картаны ачык ойнобойлубу? - деди кореец Фаризаттын колдорун мойнунан ала. Өзүнөн четтете секин түрттү.

- Монголуңдун милициясын уруп да ойнобойм. Менин артымда күчтүү фирмам бар. Болгону убакыт гана короткум келбейт. Гэсэр-Хан алкаш болчу. Кайдагы бир алкаш үчүн мен эмне үчүн убактымды коротушум керек. Фаризат акыркы ирет чабуул коюп көрдү.

- Болуптур анда. Мен Гэсэр-Ханды таанычу элем. Адам катары милицияга барып анын ким экенин. Эмне иш кылганын өзүм айтайын. Балким, мага чейин деле тааныгандар барып айтышкан болуш керек. Ошондо да мен өз карызымдан кутулуп койгонум оң. Кореец бурулуп кетүүгө камынды. Фаризаттын муундары калчылдай түштү. Колу колтугундагы кичинекей пистолетине жабыша түштү. Кайра бул кореецти атып салуу ишти мындан да татаалдаштырып жиберээрин туюп, аргасыз сөзгө келди.

- Токто. Өзүң айткандай картаны ачык ойнойлу. Кореец шарт кайра бурулду.

- Кел мындай отуруп жай сүйлөшөлү. Арыта турган диван креслону көрсөттү. Кореец үнсүз басып келип креслого отурду, да жанынан сигарет сууруп чыгып бирин Фаризатка сунду. Фаризат сигаретти тутандырып каршыдагы креслого отура кетти да, үнсүз кичинеге отуруп калды.

- Балким, силердин ич ара ар кандай ишиңер болгондур. Анда менин ишим жок. Болгону менин оозумду баскыдай сумманы төлөшүң керек. Дагы бир айтаарым мага төлөөрүң менен бул жерден кетпесең мага окшогондор көбөйүп кетиши да мүмкүн - деди кореец бейкапар.

Фаризат тигиге болгон жек көрүүсүн ичине сактап:

- Гэсэр-Хандын өлүмүнө чынында эле менин тиешем жок. Ошондо да милиция текшере баштаса, айрым бир мен каалабаган нерселерди чукушу мүмкүн. Ошондуктан ачык сүйлөшөлү. Бул жерде сага төлөгүдөй менде ири сумма жок, бирок, Гонконгдогу банкта менин счетум бар. Сен мени Гонконгго өткөрүп кете аласыңбы? - деди.

Кореец тигини тиктеп калды.

- Счетуңда канча акчаң бар? Кайсыл банкта?

- Ал жеке счет. Канча акча экени менин сырым болсун.

- Барганда эч нерсең жок болсочу.

- Гонконгдун полициясына тапшырып кой.

- Э-эй. Өзүмдү кошуппу?

- Анда кул кыл. Кыскасы кайда качат элем. Колуңдамын да. Кореец дагы кичинеге ойлонуп калды да:

- Менин аппетитим чоң. Маселен бул жерден 20 миң доллар бермексиң. Гонконгко барганда ал үч эсе көбөйөт 60 миң болот.

- Болуптур, мени Гонконгко бүт документеримди тууралап алып барсаң 100 миң берем. Келиштикпи?

Кореецтин оозу ачыла түштү.

- Тамаша эмеспи?..

- Кайдагы тамаша. Башынан макулдашып алалы. Баргандан кийин мен сага 100 миң берем. Болду. Колу-жолум бош. Өз жашоомду өзүм өткөрөм. Мен сени - сен мени тааныбайсың, келиштикпи?

Кореец ордунан тура калды да:

- Келиштик - деди кол суна. Экөө кол алышты. Кореец жөнөөгө камынып жатып - Балким секстин кызыгына батсак кантет, - деди Фаризаттын аппак балтырларын карай.

- Жок. Менин ыкшоом келбей калды, башка учурда, - деди Фаризат токтоо.

- Колтугуңдагы пистолетти абайлап урун, - деди да кореец чыгып кетти. Фаризат бир бозоруп, бир кызарып кала берди. Бул кореец эл аралык деңгээлдеги чоң аферисттерден экенин, Фаризатты жөн гана оюнчук кылып колго түшүрүп алганын Фаризат билбеди.

Эгер Фаризат "милицияга барам, ал сени да таанычу эмес беле. Чогуу баралы" дегенде көчүгүн беш жеринен кысып, Фаризатка "мен жөнүндө айтпа" деп өзү жалдырамак. Ал түгүл чындыгы Фаризат милицияга бардыбы? Эгер барса ал жөнүндө айттыбы? Жөн гана билгени келген. Иш тескери айланды. Фаризат өзүнөн-өзү келип тузакка түшүп берди.

Асмандан түшкөн мындай олжого кореец ишенер-ишенбесин билбей баратты. Фаризатты Гонконгго өткөрүп кетиш кореец үчүн кеп эмес болчу. Маселе чын эле Фаризаттын акчасы бар-жогунда.

Фаризаттын күн-түнү уйку көрбөй ойлогону "кореец менен Гонконгко кетем деп туура кадам жасадымбы?" деген кыжаалатчылык болду. Саиддин арагына билгизбей уу салып жайлаганда "Менин бул кыңыр ишим эч кимге билинбейт" деп нечен таразалаган. Минтип арадан үч күн өтпөй кайдагы бир каңгып жүргөн кореецтин колуна түшөм деп ойлогон эмес. Деги эле "балким колго түшүп калуум мүмкүн" деп астына ала иштеп чыккан шектүү жагдайлардын биринде да кореецти эскербептир. Чет өлкөлүк "монголдордун ички ишине кийлигишпейт да болуш керек" деп маани бербептир да. Мына соккуну күтүүсүз жактан алып отурат.

Саид мурда "Гонконгко өтүп кетели" деген Фаризаттын акылына көнбөй койгон. "Тайванга же Филиппин аралдарына кетебиз. Мен ылайыктуу документ даярдайм" деген.

Саиддин көзүн тазалоодон мурун Фаризат Гонконг жөнүндө ойлогон да эмес. Саиддин өлгөнүн изилдөөчүлөр тынчыгыча эки-үч жумача кармала туруп анан кайра Улан-Удэге өтүүнү пландаган. Мурда ал шаарда жүргөндө жашы элүүлөрдөн өтүп калган бизнесмен япон менен таанышкан эле. Англисче мыкты сүйлөгөн япон экөө анча-мынча сырдаш да болуп калышкан. Ал японго Саидди "күйөөм" деп тааныштыргандыктан чектен чыга алган эмес. Фаризатка сугу түшкөн япон болсо "Эгер Азиянын сендей сулуусу менен бир эле түн бирге болсом, бул дүйнөдө армансыз жашадым деп өтмөкмүн, чиркин" деп эзиле карап, ал түгүл япондордун акындарынын ырларынан да жатка айтып жиберген болчу.

Фаризат кайра бараары менен японду таап, Саидди авто кырсыктан каза тапты деп кара кийип, кайгыга баткан киши болуп көрүнгүсү, эптеп ошол япондун аркасы менен Японияга же Гонконгко өткүсү келген. Фаризаттын Гонконг... Гонконг... деп эле ак эткенден так этип калганынын да себеби бар болчу. Гонконгдо англис тилинде сүйлөгөн адам өз мекенинде жүргөндөй эркин жүрсө болот. Азият экөө жаңы баш кошкондо алгачкы саякатты Гонконгдон башташкан. Ошондо эсинен чыккыс болуп калган.

Кореец эртеси телефон чалып Фаризатты түштөнүүгө ресторанга чакырды. Экөө чакан ресторанда жолугушту. Тамак ичкендер жокко эсе экен. Тейлеген официанттар чала-була орусча сүйлөшкөнү болбосо, англисче ныпым түшүнүшпөйт. Кореец экөө бейкапар англисче сүйлөшүп отурушту.

Кореец Фаризаттын аржагына да чыгып, бержагына да чыгып Гонконгдун кайсыл банкында акчасы бар экенин айттыра албай кыйналды. Фаризат да эми ар бир сөзүнө сак болуп калган болчу. Эгер акча, баалуу буюмдар жанында экенин бирөө-жарым эле билип калса башы топудай ыргыырына көзү жетип калган. Кореец айласы кеткенде "Сенин ал жакта акча эмес таш балакетиң да жок болуш керек. Сойкулук кылган күнүңдө да менден кутула албайсың. Сойкулар Гонконгдо сенсиз да жетиштүү" дегенге чейин барды. Мындай басынтууга чыдамы кете түшкөн Фаризат:

- Жетишет. Сөз бүттү. Мен Улан-Удэге барып кайра келем да, оозуңду басканыңа деп сага беш миң доллар берем. Жок буга макул болбосоң монголдун милициясына айтсаң айта бер. Мен бүгүн түндөп болсо да Орусияга өтөм. Ал жактан менин фирмам мени чекеме да черттирбейт. Сени менен Гонконгко кетем деп жаткан себебим чынымды айтсам Гэсэр-Хандын өлүмүндө эмес, менин айрым бир таза эмес жолдор аркылуу Гонконгдогу банкка которулган акчам бар ошону алып келүү үчүн барышым керек болчу. Сен мени кылмышкер же сойку катары көрө баштадың, -деп ордунан тура жөнөгөндө, өзүнүн ашыкча кетип калганын сезе түшкөн кореец колун көкүрөгүнө алып кайта-кайта кечирим сурап жиберди.

- Кечирип кой Фаризат айым. Мен ашыкча сүйлөп койдум. Күнөөмдү мойнума алам. Бир чети ким да болбосун "чет өлкөнүн банкында акчам бар" деген куру сөзгө ишенбейт. Эгер банкыңдын атын, дарегин айтсаң бир жөн. Азыр заман өзү ушундай болуп калды. Адамдын адамга ишениши кыйын болуп калды, - деп божурап жиберди.

Мына ушундай тирешүүдөн кийин гана кореец чыныгы ишке өттү. Эгер Фаризат Орусияга өтүп кетсе кореец аны колдон чыгараарын түшүндү. Фаризат кайрылып өмүрү келмек эмес. Эки кулагыңды кандай көрбөсөң Фаризатты да экинчи так ошондой көрмөк эмессиң.

"Чын эле жүз миң долларлуу боломбу" деп түндөтөн берки делпилдеген таттуу кыялын аз жерден талкалап ала сактаганына өзүнө-өзү да кыжыры келе түштү.

Акыры кореец да өзүнүн чыныгы бизнесинин четин чыгарууга аргасыз болду. Көрсө, Монголиянын чакан шаарларын кыдырып монголдун келишкен сулуу кыздарын таап, Гонконгко сойкулукка тымызын жөнөтүп турат экен. Монголдун өзүндө эле туристтик фирма деп каттоодон өткөн монголдор жетектеген фирма аркылуу иштешет экен. Фаризатты так ошол фирма аркылуу алып кетише турган болду. Фирма бир самолетту жеке өздөрү жалдап алгандыктан, аябай деле текшерүүгө алынбайт экен. Азыр бир группа кыздар даяр болуптур. Шашылыш Фаризатка "монгол кызы" деген документ даярдай турган болду.

Ичинен сойкулар менен сойку катары барууга ынабай турса да Фаризат аргасыз макул болду.

Ошондо да баштагы айткан талабын кайталады. "Гонконгко жеткенде, сен мага "Гонконгдун гражданы" деген документ алууга жардамдашасың. Мен сага айтылган акчаны берем. Андан кийин бири-бирибизди тааныбайбыз",- деген.

- Так ошондой болот... Так ошондой болот, - деп кореец жыпылдап калды.

Кантсе да Фаризат үндү катуу чыгарса бүжүрөп коркуп калчу катардагы катындардан эмес экенин билип, аяр мамиле жасай баштаган.

Туюу сезими күчтүү, ар нерсеге сак Фаризат кийинки күнү эле өзүн, бирөөлөр баскан изине чөп салып, аңдыганын байкады.

Алгач Монголиянын милициясыбы деп коркту. Санаасы санга бөлүнүп, "Балким Азияттын шимшүүрлөрү изиме түштүбү?" деген ой да жүрөгүн эзип жатты. Бир гана "бул катын жылт коюп качып кетпесин" деп кайтартууга алдырган кореец жөнүндө ойлободу.

Өзүн-өзү кармай албай, акылдашаар кишиси жок, оңдуу акылга салып иштин жайын ойлоого да жарабай калды. Мына ошондо Саидди эстеди. "Бекер жайлаган экенмин. Жалгыздын иши жалгыз тура" - деди. Андан көрө "Эмне деп мен жөнүндө кеп таратып жүрөсүң? Акыл эсиң ордундабы? Арак менен жалаптарга баарын сатып жибересиңби? Ушунчаңда эсиңе келсеңчи!" деп ачык сүйлөшсө болмок экен да. Алматыдагыча коркутуп-үркүтүп болсо да эсине келтирип, чет мамлекеттердин бирине өтүп, туруктуу жашоого өткөндө деле көзүн тазалоого үлгүрөт эле го. Эми эрдин тиштеп өкүндү. Өзүн канчалык акылдуу сезип, "Бул ишти минтип, тигини тигинтип бүтүрө салам" дегени менен ойлогонундай болбой улам жаңылыш кадам жасаганына жүдөй да түштү. Мына ушундай маалда ички бугун бирөөгө айтпай кое да албайт болчу. Жаңы документтердин иши боюнча келген кореецке:

- Менин аркамдан бирөөлөр эки күндөн бери баскан изиме чөп салып, аңдууга алууда. Кимдер, эмне максат менен экенин билбейм. Деги качан бул каргыш алган өлкөдөн кетебиз, - деп жиберди.

Өңү купкуу болуп, муундары калчылдаган Фаризатты теше тиктеген кореец дагы оюн куруп көргүсү келди.

- Аңдып дейсиңби?.. Кудай сакта... Анда мен кийинчерээк келейин... Жок туурасы телефон чалып бир жерден жолугушууну сүйлөшөлү - деп ордунан тура жөнөдү. Тим эле көздөрүн алаңдатып коркуп кеткенсиди.

Фаризат бакырып жибере сактады.

- Мени таштайын деп турасыңбы?.. Сен каякка?.. Мен сенден өзүмдү да аяган жокмун го. Мен сойку эмесмин. Мен билсең... билсең кол жеткис... кол жеткис аялдарданмын...

Ички сезиминде бирөө "эсиңе кел" деп кыйкырып жибергенсиди. Көзүнөн он талаа болуп куюлган жашты аарчый "мен кимге сырымды айткан жатам" деп ойлоду. Сестейе түштү. Эгер кореец коркуп "кетем" десе, азыр бутун кучактап жыгылса да, бүт байлыгын астына чачса да карабай качат. Анткени, кылмышы тоодой. Адамга алгач жан керек. Анан акча, дүйнө керек. Ушуга акылы жетпей калдыбы.

- Жок... жоок... таштабайм... мен өз кишилерим аркылуу иштин жайын билейинчи. Кореец эшикке бет алды. Фаризаттын аялдык долулугу кармай түштү.

- Жок. Кишилериңе кайрылып убара болбой эле кой. Башка келгенди көрөм. Мага илээшип өзүң колго түшпө. Андан көрө кош бол. Жардам берүүгө аракет кылганыңа рахмат. Мен эми калган ишти өзүм бүтүрөм. Бара бер.

Иштин мынчалык тез өзгөрүп кетээрин кореец күткөн эмес. Сустайа түшкөн Фаризатты бир тиктеп алып "Мен буга артист болбой эле, бул мага артист болуп башымды чагып жаткан болбосун. Балким, детектив жалдап аңдыгандар кимдер? Кимдин тапшырмасын аткарып жүрөт билип алсачы? Балким, бул катын коопсуздук комитетинде иштеген неме болуп шорумду шорподой кайнатпайбы?" деген миң сан ой башын чагып өттү. Эми эле бүжүрөп айласы куруп бырылдап ыйлаган аял кайра мисирейип "кош бол" деп турушуна ишенип-ишене албай делдейди. "Аялды түшүнүп болбойт" деген ушубу деп күбүрөнүп да алды. Же чыгып кете албай, же кала албай чайналды. Советтик системада тарбияланган аңкоо адамдарды "Сокур ит бок жалагыча" алдап жүрүп, жедеп өзүнө-өзү ишенип калган аферист Фаризатка түшүнө албай, мээси дуулдап ысып чыкты. Аргасыз кайра артка басты.

- Фаризат, кечирип кой. Чын айтам. Алгач сенин кейпиңди көрүп коркуп кеттим. Азыр сен кайраттансаң мен да өзүмө келе түштүм. Кантсе да эркекмин го. Эркектик сөзүмдү бердим эле. Сени таштабай ала кетем. Бүт документ даяр. Түнкү саат 1де учабыз. 11де бөлмөңдүн жарыгын өчүрбөй эркекче кийинип чыгып кет. Мейманкананын сол жагындагы көчөдөн кызыл "Жигули" маркасындагы машина күтөт. Дасыккан шоферлор. Артыңдан куугун болсо оңой эле жазгырып коюшат. Аэропортто болсо өз кишилер. Кантип кирип самолетко отуруп калганыңды да билбейсиң. Болгону жолдон чачыңды жазып кайра өз кейпиңе кел, - деди жылмая карап.

Кореецти теше тиктеген Фаризат эмне дээрин билбей туруп калды. Ичинен бирөө "Укпа! Кош де! Бул шүмшүктөн ушунчаңда кутул!" деп жатты.

Сыртынан кореецтин таштап чыгып кетпей кайра кайрылганына кубана түштү. Басып келип кучактап оозунан өптү да акырын:

- Рахмат. Сенин мени таштабасыңды билгем, - деди. Жеңилдене дем алды. Үстүнөн бирөө оор жүк ала койгондой болду. Эптеп Гонконгко жетип алса, калганын көрөт. Мына ушул сокур үмүт жетелеп, алтынчы туюмдагы акылды өчүрүп кореецти дагы ээрчиди.

Калганы тим эле кинодогудай өттү. Айтылгандай саат 11де мейманканадан таанылгыс болуп кийинип чыгып айтылган жердеги "Жигулиге" отуруп зуу койгондо кичине өтпөй астыда отургандардын бири "Артыбызда аңдуучу бар" деп калды. Шофер караңгы көчөлөр менен зуулдатып айдап, биртоп айлампа жасагандан кийин гана аэропортко барды. Самолет качан абага көтөрүлгүчө Фаризат жанын оозуна тиштеп отурду.

Кореец тигил шоферлорго атайлап тапшырма бергенин кайдан билсин. Акыркы күндөрдө ушунчалык чарчагандыктан кантип уктап кеткенин да билбеди.

ххх

- Рыжый, кара муну, - деп өзүнчө кыжынган Азият иш бөлмөсүнө кирип, компьютерге отуруп кандай иштей баштаганын да байкабай калды. Фаризат Саид менен качып кеткенден бери ушул бөлмө көзүнө суук көрүнүп, киргиси келчү эмес.

Бүгүн болсо компьютериндеги архивин ачып "Рыжый Болоттун" досьесин издеп жатты. Тим эле колдору лыпылдап ишти сагынып калган экен. "Рыжыйды" бат эле тапты. "Ого, сен да көркоо карышкырлардан экенсиң го" деди экрандан чуурган досьени окуп жатып. Экрандагы кыска досьенин ичинде өзүнчө узун тагдыр жаткан. Азият анын негизин билген менен көбүн билчү эмес.

Бул "Рыжый" 45 жаштык өмүрүнүн 20 жылга жакынын баягы СССР империясынын аймагындагы түрмөлөрдө өткөргөн белгилүү кылмышкерлерден. Биринчи, 14 жашында "сабайм" дешкен өзүнөн 2 жаш улуу 3 баланы бычактаган. Алардын экөө оор жаракат алып аман калып, бирөө мүрт өлгөн. Ошентип, алты жылга эркинен ажыраган чыканактай арык, сары, мышмыйган бала кийин жашы жеткенде чоңдордун колониясына которулат. Ошентип, алты жылын өтөп бүтүп калганда, колонияда чыр чыгып, катышуучу катары күнөөсүз жерден дагы үч жылды кошуп алат. Зектердин тили менен айтканда "Биринчи конгуроодон акыркысына чейин" так отуруп чыгып келсе, жалгыз чоң энеси эчак кайтыш болуптур. Өз энеси болсо күйөөсү согушка кеткенден кийин эле баласын кайненесине таштап кете берген экен. Ошол бойдон кайда экенин да, атын да укпады. Таалайына атасы да согуштан кайтпай калды.

Канткен менен Сарыгулду чоң энеси колунан келишинче эч нерседен кем кылбай бакты. (Кийин- кийин гана Рыжый Болотко айланган. Төрөлгөндөгү асан чакырылып коюлган аты Сарыгул болгон) Өзү да тууган уругунун арасында, айылда кадыр-барктуу кемпир эле. Сарыгулду "Ата-энеси жок жетимдей кылбай өстүрөйүн. Жалтак өспөсүн. Күнкор өспөсүн" деп жүрүп ашыкча эрке да кылып койду. Мектепке жашы жеткенде жергиликтүү элге билим берүү бөлүмү кемпирди көндүрүп, баланы шаардагы жетимдердин, малчылардын, турмуш шарттары оорлордун балдары окуган интернатка жиберишти. Шаарда орусча окуп, айылга барса кыргызча сүйлөп, кичинесинен чыйрак өстү.Мектепти деле жаман окубады, жалаң беш болбосо да "ударник" деген аттан түшкөн жок. Тентектиги да биртоп болчу. Сарыгулдун жайкы каникулда айылга келишин өзү теңдүү курбулары чыдамсыздык менен күтөөр эле.

Сарыгул келгенден кайра күздө окууга кеткенче кемпирдин үйүнөн опур-топур балдар кетпей, базарга айланчу. Топ эле аттуу болсо бардык оюндун түрлөрүн волейбол, баскетбол, футбол ойной берчү, айыл балдары. Бул топ футболдуку, бул баскетболдуку, бул болсо волейболдуку дегенди Сарыгулдан үйрөнүшчү. Ал түгүл Сарыгул айылга түрлүү тукумдагы иттердин күчүктөрүнүн түрлөрүн да апкелип уу-дуу кылчу. Керек болсо ал иттердин тукумдары арадан 30-35 жыл өткөн бүгүнкү күнгө чейин да айылда үзүлө элек.

Бүт өмүрүн кылмышкерлердин турмушуна буруп кеткен ошол каргашалуу күнү Сарыгул райборборго барган. Айылы райборборго жакын тургандыктан жөө эле барышкан. Себеби, Сарыгул айылга келээри менен курбуларынын "Райборбордун балдары күн көрсөтпөс болду. Барсак эле кармап алып сабашат. Чөнтөгүбүздөгү болгонду тонойт. Ал түгүл түзүгүрөөк кийимибизден бери чечип алышат" деген арызды укту. Биринчи кезекте райборбордун балдарын тарбиялап, өзүнүн кадыр-баркын мурдагыдан да дүңгүрөтүп жогору көтөрүш үчүн жөнөп жүрбөйбү. Анын үстүнө республикада өспүрүмдөр арасындагы дзюдо боюнча өткөн чемпионатта чемпион болуп көкүрөгү шамалдап турган. Орто бойлуу, арык болгону менен шамдагайлыгы илбирстей ийкем болчу.

Сарыгулдун "эрдигин" көрөбүз деген он чакты жүрөктүүрөк айылдашы кошо ээрчип алышты. Көбү "Сарыгулуң ким болуп кетиптир, райборбордун балдары жаман. Барыбир төпөштөп коөт" дешип барышпады.

Айылдан келгендерди "секиртебиз" деген райборбордун балдарын Сарыгул бат эле тапты да баарын паркка чакырды. (Ал кезде өспүрүмдөрдүн "разборкалары" көбүнчөсүн парктын калың бактуу бурчтарында өтчү.) Мындайда балдар күттүрбөйт эмеспи бат эле чогулушту. Кантсе да жергиликтүүлүк кылып райборбордун балдары 20дан ашып кетти. Мындай үрөй учурган көрүнүштү көргөндө Сарыгулду ээрчип келген он чакты баланын көбү "пыр" коюп качып кетип өзүн кошпогондо 4 гана бала менен калың топту каршы алды. Райборбордун балдарынын көбү Сарыгул жөнүндө угуп жүрүшкөн. Ошондо да көптүгүнө салышып "койкоңдогон шаардык короозду ордуна отургузуп коелу" дешип ишенимдүү келишти.

Сарыгул бир гана талапты койду. Ортого чыгып:

- Балдар менин бир гана сөзүм бар. Мындан ары бири-бирибизге тийишпей тынч жашайлы. Силер менин айлымдан келген балдардын бирине да тийбегиле. Мындан ары ынтымактуу бололу. Ушуну гана айткым келет, -деди өзүн колунан келишинче токтоо кармап. Бирок, жүрөгү лакылдап, денеси чымырап бир нерсени сезип турду. Шаардагы интернатта мындай "разборкалар" көп болот. Нечен катышып жүргөндүктөн тигилердин көптүгүнөн деле жүрөксүбөдү. Катуу кыйкырып жиберсе, бири калбай "пыр" коюп качышы да мүмкүн. Эгер алсыз жагын көрсөтсө, коендун тарпындай тытып кетүүлөрү да мүмкүн.

- Сен кимсиң анчалык? - деп колдурай сүйлөдү Сарыгулдай эки келген сөөк саактуусу. Муну "Кара дөө" деп коюшчу. Өгүздөй күчтүү болгондуктан ушундай атка конгон.

- Эмне өзүңдү кыйын сезесиңби? Айтканыңа көнбөсөк кыларың эмне? - деп такылдады жүлжүк көз, кара шилбидей арык бала. Топураган балдардын бир даарлары себеп жок болсо деле каткыра күлүп жиберишти.

- Эгер макул дебесеңер мага кимиң болсоң да бирме-бирге чыккыла. Ушу жерде тургандар бүт эркекмин десеңер бирме-бирге гана чыгышалы. Ким көптөгөнгө чакырса катын болсун. Келиштикпи. Эгер көптөйм десеңер эртең шаардан бир автобус бала алып келем да бирден кармайм. Анан да милицияга чуркамай жок, - деди үнүн өктөм чыгарып. Райборбордун балдары сестене түшүштү. Ошол мезгилде өспүрүмдөрдүн арасында бирме-бир чыгуу талабын бузбоо сакталчу. Жанагы күрсүйгөн "Кара дөө":

- Ии-и макул. Талапты бузбайбыз бирме-бир чыгышабыз. Ким көптөсө, таяк жеп ата-энесине арызданып барса "катын" болсун, - деди колдурай.

- Келиштик. Анда мага ким чыгат, - деп, Сарыгул ортого басты. Тигил жактан "Кара дөө" чыкты. Экөө бирин-бири айлана басып тоорушуп туруп "Баштадык" дешти да качырып сала беришти. "Кара дөө" бетке мелжеп муштум шилтеди эле шап колдон алган Сарыгул айландырып туруп дзюдонун ыкмасы менен эби жок немени ыргытканда, тигил бети менен көмөлөнүп түшүп, мурдунун үстү сыйрылып, оозунан да кан жая берди. Мындайды күтпөгөн неме ордунан бозала болуп тура калганда, карап турган балдар "Омий самбис экен" дешип дуу дей түшсө бир даарлары "Кара дөө эми өжөрлөндү. Жейт эми" дешип көкүтүп киришти. "Кара дөө" да бакыра:

- Азыр мойнуңду жулам жилбик сары, - деп өкүрө качырып сала берди. Сарыгул тигинин күчү өзүнүкүнөн алда канча көп болгон менен кенедей эби жок экенин билип калган. Коркпой түз качырды да жакадан кармап туруп жата калып жөнөкөй эле ыкма менен башынан алыс ыргытты.

Салмагы оор неме мешоктой чабылды. Бир колун баса жыгылган экен ордунан турбай "колум-колум" деп өкүрүп кирди.

Шашпай басып барган Сарыгулдан жалтана башын катты эле:

- Мен жаткандарга тийбейм. Эркек жаткандарды урбайт, - деди да колун кармалап көрүп: - Карууң чыгып кетиптир. Догдурга барсаң салып берет. Убада боюнча ата-энеге арызданмай жок - деди. "Кара дөө" колун кучактап, көзүнөн жашы чуура ордунан араң турду.

- Кана дагы кимиң бирме-бир чыгасыңар, - деди Сарыгул үрөйлөрү учкан тигилерге карап. "Кара дөөнүн" кейпин көргөн немелердин эч кими чыга албады. Үнсүз кичинеге тунжурап турушту.

- Анда ушундай. Мындан ары биздин айылдык балдардын бирине да тийбейсиңер. Ким тийсе өзүм сүйлөшөм, - деди да тигилер толук эстерине келгенче кетип калууну чечип - Биз кеттик деди да балдарын ээрчитип парктан чыгып кетти.

Ошол жерде турган баягы тапан кара бала:

- Ит болдук. Эртең бүт район угуп шылдың болобуз. Жүргүлө тез барып "Кара дөөнүн" байкесине айталы. Алар тигил Сарыны "жанчып" койсо экинчи сүйлөгүс болот, - деди да эч кимдин коштогон сөзүн укпай эле "зуу" коюп чуркап кетти.

Сарыгулдар жеңиштерин майлап базар аралай кичине-кичинеден жемиш алып жешти да бир шишеден лимонад ичишти. Анан чөнтөктөрүн чемичкеге толтуруп жолго чыгышты. Өз ара сөздөрү бүтпөйт.

- Оомий Сарыгул моминтип туруп ыргытты эле аюудай болуп оонап калды. Чимкириги мурдунан атып кетти, - десе. Бири:

- Мен өз кулагым менен уктум. Экинчи жолу башынан алыс ыргытканда оңбой түштү. Ал түгүл "пап" дедирип осуруп ийди. Ит эле болду, - десе дуу күлүп калышат.

- Колум-колум деп коет. Башын суурча катканычы дешип, -дагы дуу күлүшөт.

Сарыгул жеңишке кубанып келберсип турса да "эртерээк айылга жетеличи" деп жүрөгү дикилдеп чуркап кете сактап араң баратты.

Мына ошол күндөн кийин оңой жеткен жеңишке көп ишенбей артынан корко берүү өмүрлүк адатка айланды.

Райборбордон узай электеринде эле арттарынан чаң чыгып калды. Көрсө, велосипед минген онго жакын чоң-чоң балдар келатышкан экен.

- Качтык, кууп келатышат. Чоң балдар экен, - деп беркилердин бири чыркырап жиберди.

- Качпагыла. Тигилер катындык кылышты. Биз эркекче тособуз. Даярдангыла, - деди да Сарыгул мурдатан даярдалган шымдын ички бетиндеги белге оролгон трос зымды сууруп чыкты. Мындай курал баарында бар болчу. - Бири-бириңерге аркаңардан коргоп, тегерек туруп согушкула. Кимиң качсаңар мындайда ошонуңар көп таяк жейсиңер, - деп буйрук берди.

Дуулдаган тигилер бат эле жетип келишти. Астыда "Кара дөөнүн" байкеси экен.

- Эй күчүктөр, азыр иним үчүн ар бириңдин шыйрагыңарды чагам, - деди ызырынып.

- Токтогула, бул балдарда күнөө жок. Көптөшпөйлү. Улуу болсоңор да мени менен бирме-бир чыккыла. Иниң өзү бирме-бир чыккан. Катындык кылып арызданган тура, - деди Сарыгул.

Тигилер Сарыгулдан 2-3 жаш улуу болсо да, "бирме-бир чыгабыз" дей алышпады. Кичинеге токтой калышты. Аңгыча бири:

- Ушул күчүктөрдүн сөзүн угабызбы. Бирден кармап сабагыла, - деп кыйкырганда жалпы качырып сала беришти.

Сарыгулдун балдары Сарыгул айткандай чогуу туруп урушпай туш тарапка "пыр" коюп кудай бутка кубат берсин деп качып жөнөштү. Сарыгул гана артын жол боюна өскөн терекке такап алып трос зым менен коргонуп, эч кимди жолотпой жатты. Көптөп тепкилеп киргенде: - Байкелер, байкелер... апаке... апаке, - деп бакырган дос балдарынын үндөрүн укканда Сарыгул өзүн жоготуп койду. Шымынын арткы чөнтөгүнөн кнопкасын басса "шарт" деп атып чыкчу узундугу карыш бычагын кандай сууруп чыкканын да билбей калды. Биринчи качырганы "Кара дөөнүн" агасы болду.

Колго илинбеген шамдагай неме тигини жүрөк тушка бышып өткөндө, ал үн да чыгарууга жарабай сулк жыгылды.

- Өлтүрдү, - деп бакырды бири.

Экинчисине жетип шилтегенде бычак каруу этин жарып барып кабыргага сайылды.

- Жинди экен качкыла, - деп бакырды бири.

Үчүнчүсүн кууп жетип далыга урганда сулк жыгылды. Көрсө, коркконунан эси ооп калган экен. Кийин ооруканадан эсине келиптир.

Кыйынсынып эми эле экөө-үчөлөп бирден кичине балдарды тепкилеп жаткан немелер велосипедине жеткени велосипед менен, жөөсү жөө кутурган иттен качкандай жанталаша качышты. Сарыгул кууп жетсе аямак эмес. Бирок, кууганга дарманы келбеди. Тигилер качканда эле "шалак" деп жерге отура кетти. Колунан бычагы да түшүп калды.

Ар жерде сулап жаткан өлүктөрдү көргөндө, айылдаш балдары да качып жөнөштү. Сарыгул гана милиция келгиче ордунан жылбай отура берди. Таптакыр өзүн жоготуп койгон экен. Камакта жаткандан кийин бир жумада барып араң акылына келиптир. Кийин милициялар күлүп айтып жүрүштү.

- Дагы бир жума дөөрүй турсаң болмок. Жиндиканага жөнөткөн жаттык эле, - дешип.

Мына ушинтип күтүүсүз жерден эле өзүнүн ким экенин өзү да билгиси келбеген өзүн-өзү жек көрүп кеткенде, өчүн өзгөлөрдөн чыгарган. Кан ичээр, бирок, өмүр бою күндөрдүн бир күнүндө уктап ойгонсо эле кылмышкер эмес, таптаза, башкача адам болуп калчудай болгон таттуу үмүтү үзүлбөгөн пендеге айланды.

ххх

Азият "Рыжый Болоттун" досьесин окуп отуруп, "Кылмышкер Болот чынында Болот эмес бир кездеги өзүнүн мыкаачылыгы, куулугу, кара мүртөздүгү менен айырмаланган Сарыгул болушу толук мүмкүн. Мындай божомолго үч себеп бар:

Биринчи: "Чолок карышкыр" аттуу өмүрүнүн 25 жылга жакынын түрмөдө өткөргөн кылмышкер чал "Мен мунун Болот экенине түк ишенбей турам. Бул кадимки "Ястреб" Сарыгулдун өзү. Мага ишенбесеңер катылып көргүлө. Бир тээп өпкөңөрдү оозуңардан чыгарат" деген. Айтканындай эле казактын жоош койчусу Болот түрмөгө түшкөнүнө жыл өтпөй "пахан" болгон. Жогоркудай сөздү "дөөрүгөнү" үчүн болуш керек, "Чолок карышкыр" асылып өлгөн.

Экинчиси: Болоттун таржымалы карапайым айылда өскөн казак. Биринчи жолу түрмөгө бир кой уурдагандыгы үчүн түшкөн. Так ошондо ошол түрмөнүн "паханы" Сарыгул кылмышкерлер койгон аты "Ястреб" болгон. Сарыгул менен Болоттун окшоштугуна бүт кылмышкерлер таңданчу. Болгону бири чыйрак, бири жүдөө. Боштондукка Болот менен Сарыгул удаа чыгышкан. Андан кийин Сарыгулдун да, Болоттун да өмүрү жөнүндө 4 жыл кабар жок болуп барып, "бир "разборкада" Сарыгул өлүптүр" деген кеп чыккан.

Официалдуу түрдө өлгөнүн жана так Сарыгулдун өзү экенин ал түгүл денесиндеги татуировкаларынан бери далилдеген документтер бар.

Сарыгулдун өлгөнүнөн бир ай өтпөй оор кылмыш болуп, жасалган ыкма Сарыгулдукуна окшош деген органдын тергөөчүлөрү Сарыгулдун мүрзөсүн жашыруун ачтырып, Сарыгулду абдан жакшы тааныган үч кишиге көрсөткөндө, үчөө тең көрдө жаткан маркумду Сарыгулдун дал өзү дешкен. Ошентип, "Рыжый Болот" "Ястреб" Сарыгул болушун кесе айтууга далил жок. Божомол гана бар.

Үчүнчү: Койчу Болот экинчи жолу кесилгенде өтө оор кылмыш, бир нече адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирип банкты тоноо менен кириптер болгон. Коллонияда болгону бир кой уурдагандыгы үчүн бир жыл отурган Болоттун мынчалык дасыккан кылмышкерге айланышында да чоң күмөн бар".

Досьени окуп отуруп Азият бир учурдагы өзүнүн бүткүл СССРдин аймагындагы түрмөлөр боюнча кабар топтоп турган "торуна" ыраазы болсо. Экинчи ушундай "майда-чүйдөдөн" бери чогултуп эрикпей жыйнаган баягы кытай жигити Хэ Чандын эмгекчилдигине баа берди.

ххх

Арадан 9 жыл өткөндө баягы "хулиган" атыккан, мышмыйган, сары, арык баланы айылдыктар дээрлик унутуп салышкан. Айрым бир жакыныраак туугандары "Байкуш аман болсо эртедир-кечтир келээр" деп коюшчу.

Күндөрдүн бир күнүндө айылга орто бойлуу, быжыгыр тармал чачтуу, чымыр денелүү, адамды теше тиктеп, тикчийе караган, көздөрү ойноктоп турган, шыпылдап баскан жигит пайда болгондо, алгач көбү тааныган жок.

Сарыгул өзү деле айылда аны сүйүп эч ким күтүп турбаганын билген. Энесинин эски үйүндө алысыраак туугандарынын баласы жашап жатыптыр. Өздөрү начар турмушта жашаган немелер каскактай болуп Сарыгул пайда боло калганда "Үй бош турбасын деп эле жашап жатабыз. Эгер өзүңө керек десең көчүп кетебиз. Кароосуз калтырганча деп колдон келишинче көзөмөлдөдүк" демиш болушту.

Энесинин мүрзөсүнө барып токтоно албай бугу чыккыча ыйлады. Топуракты мыжып зар какшап ыйлады. Кызыл этинен адам кылып чоңойткон. Колуна тийген ырыскылуу эмне болсо бүт "Сарыгулума" деп турган. "Жалгыздан калган жалгызым" деп оозунан түшүрбөй мээримин төккөн дүйнөдөгү жалгыз адамынан, эмне кылса да кечирген, баскан изине сыйынган, тамакты чоң сугунса да кубанган адамынан, жалгыз туу туткан энем бар деп айланган, жылынаар отундай, суу ичээр булагындай, байланаар мамысындай көргөн, сүйөнөөр тоосундай, токтоор жайындай, жатаар төшөгүндөй көргөн адамынан айрылганына ыйлады.

Сарыгулга тагдырдын бул экинчи оор жазмышы болчу. Баягы биринчи кылмыш кылганда, ичинен "Энеке! Энеке! Эми мен кантем. Эми мен эмне болом?" - деп ичтен боздогон.

Кесилип, балдар колониясына кеткиче күн ара келип, өзү күнү-түнү азап тартып ыйлоодон көздөрү карыгып шишип, үтүрөйүп жүдөп турса да "Балам тагдырдын башка салганын көтөрүү керек. Эр жигиттин башына нелер келип не кетпейт. Күндүн жарымы караңгы, жарымы жарык. Бүгүн башыңа иш түшүп турса, эртең жолуң ачылат. Кайраттуу жигит бол. Сынба. Мүңкүрөбө. Бул да Кудайдын буйругу. Кудайдан жакшылык тиле" - деп кайрат айтып турган. "Сен жексурсуң, адам канына забын болдуң" деп өкүрүп-бакырып тилдебей кайра "Бул да шайтандын азгырыгы. Кийинкисинен Кудай сактасын" деп бооруна кысып кучактап, башынан жыттап турган адамы ушул томпойгон боз топурактын астында жатканына, өмүрүн "Сарыгул" деп өткөргөн адамга бир ууч топурак салбай калганына боздоп ыйлады.

Колонияга узап атканда энеси "Балам эми кайыр кош. Аман болсоң келээрсиң. Мен болсо сени издеп бара албайм. Орус тилиңди билбейм" деп муңканып ыйлап калганын эстеп, боздоду.

Кейпи эки сааттан ашык мүрзө кучактап жатты. Жалгыз болгондуктан, эч ким тоскоол болгон жок. Бир тууганы келип көрсөтүп берип, куран окушкандан кийин "Сиз бара бериңиз. Мен дагы кичинеге отурам" деп кала берген.

Энесинин мүрзөсүн көргүчө кандайдыр бир күч айылына тартып, "түрмөдөн чыксам колхозго барып жаңыча жашоо баштасам" деген кыялдарга батканы энесинин өлгөнүнө көкүрөгүндөгү ишенбеген сезимден экенин билди.

Өзүнө келип ордунан турганда, бүт көөдөнү бош калды. Бош калганда да бүт аалам бош калгандай туюлду. Ордунда тизелерин кучактап, кеч күүгүмдөгү айылды карап отурду. Бош калган көөдөнүн кимдир бирөөлөргө болгон кыжырдануу, жек көрүү ээлеп, толо баштады. Дүйнөгө жаралганын жек көрдү. Жараткан атасын жек көрдү. Тууп, кызыл эт боюнча таштап кеткен энесин жек көрдү.

Көөдөнүндө кектөө турду. Жалгыз таянар тоосунан, энесинен ажыраткандарды кектеди. Убаданы бузуп, агасына арызданып барган баягы "Кара дөөнү" кектеди. Өздөрүнөн "2-3 жаш кичүү балдар экен" дебей, адыраңдап тепкилеген баягы балдарды кектеди.

Сабап жатсаңар жан далбастап сайып салган. Силерди туура кылган дебеген мыйзамды кектеди. Так ушул күнү, так ушул мүрзөлөрдүн арасында отуруп Сарыгул адам эмес карышкырга айланганын өмүр бою билген жок. Кээ кезде гана эмне үчүн мен ушундай жаралып калгам? Эмне үчүн мен башкалардай оңоло албайм? деп ичтен боздоп-боздоп алчу. Ал бир эч ким укпаган, эч ким туйбаган муң болчу. Так ошол мүрзөлөрдүн арасында отурганда жүрөгүнө тоңуп калган муз болчу.

Таксист болуп иштеп, уучтап акча таап, эсирип, анын үстүнө эки метрге чукул боюна жараша кара күчү да буканы жыккыдай болуп турган "Кара дөө" анча-мынча клиенттерине түрүн байкап туруп колунан эч нерсе келбес айылдыктар болсо күрсүлдөп, оройлук да кылып койчу.

- Шаарга жеткизесиңби жигит?, - деп шып этип астынкы орунтука отурган быжыгыр тармал чач сары жигитти "Кайдан көрдүм эле" деп бүшүркөй үтүрөйө карап турду да:

- Шаарга дейсиңби?

- Ооба шаарга... Тигил жылмайып күлүп койду.

- Эгерде дагы үч клиент таап келсең жеткизем. Машина толоору менен кетебиз. Клиент чыкпаса жылмай жок тууган, - деп чөнтөгүнөн тамеки алып чыгып тутантты.

- Эгер мен толук төлөсөмчү?!

- И-мне... төрт кишиникинби?

Уккан кулагына ишене бербей дагы сарыны сындай карады. Кийген кийими кымбат баалуу. Бүт жаңы. Интеллигент эмес. "Чын эле акчасы бар немеби?" деген сыноо. Таксисттер психолог болуп калышат. Кимдин акчасы бар экенин бир карап эле билишет.

- Демек, төрт кишиникин төлөйм дечи?

- Шашып турам. Барсаң барам де болбосо башка такси издейм. Бул жолу сары шаштыра, өкүм сүйлөдү. Жүрөгү бир нерсе шекшип турса да акча үчүн ооп кетти. Анын үстүнө бош кетет. Машинасына жеңил. Мындай клиент кечке чыгарын да кудай билет. Чын эле башкага барса ким болбосун "кудай" деп жөнөйт.

- Кеттик,- деди. Тамекисин шашканынан чала тартып ыргытып.

- Кетсе кеттик.

- Түз кетебизби же жолдон тияк-биякка кайрылабызбы?

- Түз кетебиз. Болгону таза ысып кеттим. Чоң суунун жээгине жеткенде кичине кайрылып сууга бир чөмүп алайын.

- Көпкө эмес.

- Кайдагы көпкө бир эле чөмүп чыгам. Бол айдабайсыңбы. Акыйлашып тура беребизби.

- Айдаса айдадык, - деди да машинасын от алдырып ордунан эле атырылта жөнөдү.

Чоң жолго чыккыча экөө - дээрлик сүйлөшкөн жок. "Кара дөө" ансыз да көп сүйлөшчү эмес. Дүңкүйүп кете берчү. Аялдар түшүп калганда гана эби келсе да келбесе да ар нерсени айтып ыржактаганы болбосо, эркектер менен баарлаша албачу.

Жолго чыгаары менен орунтукту чалкалатып коюп үргүлөп уйкуга кирген сарыны улам карай, "мурун кайдан көрдүм эле" деп бүшүркөп коет. Кайра, "кейпи дагы бир жерде ташысам керек да деп" аңги-дүңгү.

- Дос, сууга жакындадык, кайсыл жерине чумуп чыгасың? Сарыны ойгото күркүрөдү.

- Аа чын эле келип калган экенбиз. Жолдон өткөндөргө көрүнбөгөн, кичине далдоорок жер болсо...

- Андай жер бар. Кичине бурулуп, тээ жапан талдардын артына барабыз.

Машинасын жай буруп чебер айдай өзү көрсөткөн жерге келди. Чын эле жол көрүнбөй далдоодо калат экен.

- Мына чумуй бер. Бирок, өзүң айткандай бир гана жолу. Эки жолу чумусаң кошумча төлөйсүң.

- Түшүнбөдүм?

- Өзүң бир гана жолу чумуйм дегенсиң. Туурабы?

- Туура.

- Демек, эки жолу чумусаң, менин убактымды кармагандыгың үчүн төлөйсүң.

- Аны табитке жараша көрөлү. Эки жолу кааласам төлөсө төлөйүн. Сары камсанабай сүйлөдү да машинадан чыкты. Машинаны айланып өтүп "Кара дөө" отурган жагына келди.

- Сен сууга түшпөйсүңбү?

- Жок өзүң түшө бер.

- Кой түшүп кой?

Эшигин ачып талтайа отурган "Кара дөө" алгач какшыкты түшүнбөй калды.

- Жок, мен ысуулаган жокмун.

- Азыр ысуулайсың да.

- И-имне... Сарыны караса көздөрү тим эле күйүп туруптур. Үрпөйүп, жүрөгү болк дей түштү.

- Менин ким экенимди тааныган жоксуңбу?

- Жо-о...жок... үнү калтырай чыкты.

- Мен баягы Сарыгулмун.

- Сарыгул!?

- Ооба. Дал өзү. Сен эркектик сөзгө турбай катындык кылып агаңа арызданып барып, агаң мага эдиреңдегенде, жайлап салган Сарыгулмун. Мас болсоң эле "түрмөдөн чыгып келээри менен канын ичем. Агамдын кунун алам" дейт экенсиң го. "Кана, кун алышалы" деп маңдайыңа келдим.

"Кара дөөнүн" алласы оозунан түшүп, сүйлөөгө дарманы келбей калды. Улам көз кыйыгы менен орунтугунун астында жаткан мантировканы карап коет.

- Мантировкаңды карабай эле кой. Түш машинаңдан. Эркекче бирме-бир чыгалы. Жок бирме-бир чыккандан корксоң менин айтканыма көнөсүң.

Орто бойлуу болсо да Сарыгулдун чымыр денесин карап туруп "Кара дөө" жүрөк заада болду. Баягы көп жыл мурдагы шилбиктей арык бала башынан алыс мешоктой ыргытканы көз алдына кайра элестей түштү. "Түрмөдө жөн жүрдү дейсиңби дагы нечен шумдукту үйрөнгөндүр" деп ойлоду ичинен.

- Балким, сөзгө келбейлиби? Шаарга бекер эле жеткизейин.

- Ансыз да бекер жеткизесиң. Сенин катындыгың үчүн мен тогуз жыл "күнөстөдүм". Анан сага дагы төлөшүм керекпи?

- Анда мен айткан эмесмин. Жанагы жүлжүк көз Белек айткан. Арык, жүлжүйгөн кара балачы.

- Аны менен да сүйлөшөбүз. Алгач сени менен бүтүшөм. Эгер сен быркырап ыйлап "колумду сындырды" дебей, өзүм күнөөлүмүн. "Эч кимиң барбагыла" десең, иш башкача болот эле да. Туурабы? "Баарын унутпай жүргөн экен" деди "Кара дөө".

- Анда талабың эмне?- Акча сурайт деп ойлоду.

- Сени азыр катын кылам. Ушуга көнөсүң. Азыр артыңдан жайлайм. Катындыгыңды далилдейм.

- И-мнээ... мындай кордукка "Кара дөө" чыдамак эмес. Эңкейип колун мантировкасына сунду. Ушул маалда Сарыгулдун колунун кыры кежигесине шак дей түшкөндө эсин жоготуп койду.

Эсине көчүгүнө катуу бир нерсе кирип, жан чыдатпай ооруганда келди. Машинасынын арткы багажына арта салынып көмкөрөсүнөн жатыптыр. Жакшы эсине келе албай;

- Сенин... сенин каныңды ичем... деп булдурады эле:

- Жата бер голубчик. Сен уже катынсың. Мунуң түзүк экен, - деп жамбашка чапкылап койду да, тигил ишин уланта берди.

Чымырканып кыймылдайын деди эле:

- Эй мен али бүтө элекмин, - деди да дагы колунун кыры менен шак дедире кулактын астына, күрөө тамырга урду эле кайра эси ооп калды.

Экинчи эсине келгенде жерде талтайып көмкөрөсүнөн жатыптыр. Белинен ылдый жылаңач. Баш көтөрсө, шымы менен турсасы арыта жатат.

Ызадан эмне кылаарын билбей "Өлөйүн десе жан таттуу, кирейин десе жер катуу" болуп турду.

- "Кыздыгымды" бердим деп эле кылыктанып жата бересиңби? Тур кетебиз, -деди Сарыгул какшык, кекээр аралаш.

- Азыр сенин каныңды ичем... Ордунан обдулуп тура калды. Кыймылдоого жарай элегинде Сарыгулдун буту ээгине шак дей түштү.

Тим эле чимирилип барып кайра да көмкөрөсүнөн кулады. Эсине келсе Сарыгул арыта бейкапар тамеки тартып отуруптур. Баягы кайраты бүт жоголуп сүйлөгөндөн да коркуп калды. Беркинин эсине келгенин көрүп тигил ордунан туруп басып келди да:

- Кана дагы сүйлөп көрчү угайын, - деп маңдайына талтайып туруп калды.

- Болду... жетет,- деди "Кара дөө" булдурай. Дагы тээп жибереби, - деп коркуп.

- Жетеби... мага жетпей жатсачы сука... Эмнегедир Сарыгул жиндей түштү да шарт жанынан бычагын сууруп алып беркинин кекиртегине такады. Тим эле көздөрү кызарып канталап кетиптир. Муздак бычактын мизи кекиртекти тилип кан тамчылап кетти.

- Жан соога... Саке... жан соога... Жаңы эле үйлөндүм эле. Аялымдын боюнда бар эле. Өлтүрө көрбө...

"Кара дөө" кантип жалынып ийгенин да билбей калды. Бычак устарадан да курч болсо керек. Кичине тартса башын шылып түшчүдөй.

- Эмне кылсаң өзүң бил . Баарына макулмун. Жанымды кыйба...

- Им-м де. Сарыгул бычагынын канын тигинин көйнөгүнүн этегине арчып туруп, кайра арткы чөнтөгүнө салды.

- Эмесе мындай, жанагы Белек дегениң кайда?

- Шаарда турат...

- Дарегин билесиңби?

- Билем... билем.

- Билсең Белегиңе барабыз.

- Макул... Жеткизем...

"Тирүү калат экемин" деген үмүт пайда болуп тим эле жыпылдап кетти. Жандын ширин экенин татты да. Кекиртегинен сызылган канды аарчып коюуга да дарманы жетпеди.

- Тур да тез кийин! Жок. Алгач сууга жуунуп туруп кийин! Көчүгүңдү анан кекиртегиңди жакшылап жуу.

- Макул... азыр...

Калдаңдаган "Кара дөө" сууга шарпылдатып кирип, шапшына жуунду да шаша-буша кийинди.

Чиркин, жарыкчылык, тирүүлүктүн даамы деген кыйын го. Жанакы кыжынып аткан лөк "сынып" бир паста "жибектей" болуп калды. "Кара дөө" ушунчалык бат "сынганына" Сарыгул кыжыры келе ичинен "Күлтүйгөнү менен ичи толтура бок экен. Ушунун эркек болгонун... Мындайга тигиниңди да булгагың келбейт" деп ойлой жийиркене карап койду.

"Кара дөө" көчүгү ооруп, орунтукта кыйшалактап араң эле отуруп келатты.

"Энеңди... оңдурбай шилтеген экен. Эсим ооп жатканда эки-үч жолу кирген го... Мындайдын тигиниси да оңбогондой чоң, катуу болот тура" деп ойлогондо бир тердеп, бир кургайт.

Экөө шаарга жеткиче сүйлөшкөн да жок. Ар кимиси өз ою менен алек болуп жүрүп отурушту.

Сарыгул айылда бир күн боло электе эле бул жерге "Батпасын" туйду. Ошондуктан, убакытты созуп отурбай чоң энесинен калган үйдү кирип отургандарга "Силерге бердим. Жаңыртып аласыңарбы? Эмне кылсаңар өзүңөр билгиле" деди да өзү шаарга кетерин айтты. "Эми кайда барабыз?" деп сарсанаа болуп отурган немелердин мындай сөздү укканда, кубангандарын айтпа. Кайдан жайдан козу таап келип союп "кутулуп келгениңе түлөө кылганыбыз" - деп да жиберишти.

Айылда үч күн жүрүп аты-жыты туугандарына бир сыйра кыдырып учурашты. Түрмөдөн келген дегенсип бары "суук боор" тартып калышыптыр. Сыртынан жадырай кабыл алымыш болушканы менен өздөрүн четкерээк кармашып, эч кимиси деле "Эми айылда кал. Колхозго кирип иште. Атаңдын атын өчүрбөй үйүңдү жаңыртып, үйлөнүп- жайланып турмуш кур" дегендей акылдарын чын дилден айтышпады. "Эмне кылайын дейсиң? Жаш эмессиңби. Кайда болсо иш табылат да. Балким колхозго кирсең деле алат болушу керек. Балким, шаарга барып окуп билим алаарсың. Азыр жаштар билимге жулунуп жатышпайбы" демиш болушту.

Сарыгул өзү деле туугандары "кал" деп асылган күндө да айылда жашай албасын түшүндү. Жүрөгү элеп-желеп болуп айылдын жай турмушун эмес, кайнаган турмушту эңсеп турган. Минтип жөн кете албай эзелки кегин алып отурат.

"Волганын" арткы орунтугунун ортосуна чалкалай отуруп алып улам көз кыйыгы менен "Кара дөөну" карап коет. Тиги болсо күржүйгөн мойнунан аккан терин кирдеген жүзаарчысы менен аарчып коюп жолду карап телмирип баратат.

Эмнегедир оюна ушул кезге чейин аялзаты менен төшөк рахатына бата элеги түштү. Түрмөдө жалаң эркектерге көксөөсүн суутуп жүрдү. Башында тартынса кийин көнүп да алды.

Түрмөдөн чыккандан бери эч ким менен болбой буулуга түшкөн экен "Кара дөөнү" тим эле рахаттанып жайлады.

"Кара дөө" ойлогондой эле бир эмес эки жолу ишин бүтүрдү. Азыр жеңилденип, көңүлү ачылып бараткан кези. Тынчтыкты буза "Кара дөө":

- Түз эле жатаканасына айдайынбы? - деди күлдүрөй.

- Жатаканада турабы?

- Ооба. Заводдун жатаканасында. Машина курган завод бар экен го...

- Эмне болуп иштейт?

- Мастермин деп калат...

- Жатаканасына барабыз. Өзүң кирип чакырып чыгасың. Ресторанга барып чардайбыз деп алдайсыңбы?.. Кыскасы чакырып чык. Эгер кичине шек берип, мен жөнүндө, менин эмне кылаарым жөнүндө айтсаң жердин түбүнө түшсөң да таап туруп, кекиртегиңди тирүүлөй суурам. Уктуңбу!?

- Кантип айтайын. Айтпайм. Кыздарга барабыз десем жүгүрүп чыгат. Мурда эки-үч жолу кыздарга алпаргам.

- Туура, кыздарга алпарам де. Жыргалдын туу чокусуна жетесиң де,- Сарыгул кекээрлей сүйлөдү.

"Кара дөө", "аны да мендей жайлайсыңбы" - деп сурап жибере сактап барып токтоду.

- Чыккандан кийин түз шаардын четине айдайсың. Чоң-Арыктын үстүндөгү калың бактуу жээкке. Мени тааныштырба. Өзүм таанышам. Жөн гана "Анан таанышасыңар", - деп кой.

- Макул...

Такси бат эле Фучиктеги жумушчулардын жатаканасына жетип келип токтоду. "Кара дөө" улутунуп алды да чыга жөнөдү.

- Эскертип коеюн. Эч кандай тамаша жок. Жарыкчылыкта жашагың келсе мен айтканды түгөл, так аткар. Жок. Кичине эле кылтыңдасаң өз убалың өзүңө.

"Кара дөө" үн сөз жок жатакана жакка бет алды.

Арадан жарым саат өтпөй орто бойлуу бирөө менен ээрчишип келип калышты. Караңгыда өңү- түсү көрүнбөдү. Быжылдай сүйлөп келип машинанын астына отурду. Артында киши барбы, башкалар отурабы, байкаган да жок.

- Мына, жыргал жашоо эле сеники. Чөнтөгүң толо акча. Кыз десең кыз, катын десең катын даяр. Эмне болсо да жашоонун дооронун сүрүп жатасың. Бизди айтпайсыңбы. Айлыктан айлык күтүп жашамай. Кечке жумуштан баш көтөрмөй жок. Кечинде чарчап келип оңкодон түшмөй. Минтип жүрсөм катын да албай калчудаймын. Башка жумушка кетип калат элем Политехническийдин кечки курсунан окуп жатам. Окуумду бүтсөм көтөрүлгүдөймүн. Анын үстүнө үйгө да кезекке туруп койдум. "Дарак бир жерден көгөрөт" дейт эмеспи. Иштей берейин деп жатам...

Айтылган жерге жеткиче бакылдап, жаагы тынбады. "Кара дөөнү" сүйлөткөн да жок. Артындагы Сарыгул акырын жылып бурчка отуруп алды эле аны да байкабады. Качан гана суу жээгиндеги калың бак жакка бурулганда:

- Ой сен кайда? Катындарың ушул жактабы? Мен үйгө барат экенбиз десе, -деди чоочуй.

- Азыр көрөсүң, деп койду "Кара дөө" да үнүн пас чыгара. Калың бактын арасына барып токтогондо.

- Сени менен тигил жигиттин иши бар экен, - деди арттагы Сарыгулду көрсөтө.

- И-мне. Кайсыл жигит? -Ошондо гана артына бурулуп Сарыгулду карады.

- Сен кимсиң?

- Менби... Мен Сарыгулмун.

- Кайсыл Сарыгул?

- Баягы сен убаданы бузуп катындык кылып, "Кара дөөнүн" агасына арызданганда, алар келип мени "сабайм" деп жулунганда, бирин тигил дүйнөгө жөнөтүп кесилген Сарыгулчу.

Кичинеге ойлоно калды.

- Такыр эсимде жок.

Үчөө караңгы машинанын ичинде сүйлөшүп отурушту. Сарыгул билди тигинин эң сонун эстегенин, бирок, убакытты утуш үчүн анткорлонуп жатканын.

- Менин байкемди өлтүрүп кесилип кеткен Сарыгулчу... "Кара дөө" тигинин калп анткорлугуна күйүп кетти.

- И-и эстедим... эстедим...

- Эстедиңби. Эстегениң жакшы,- Сарыгул кекерлүү сүйлөдү.

- Саке ал балалык да... Башың аман чыгып келипсиң. Кут болсун. Келе колуңду. Өткөн өттү, кеткен кетти. Толук Сарыгул жакка бурула, ордунан обдулуп колун сунду.

- Тигил жакта катындар менен кол кармашып учурашпайт. Сарыгул тигинин сунган колун албады.

- Кой Саке, ал бир кырсык. Эми элдешели. Кектешпейли.

"Кара дөө" Белектин табышкерлигине оозу ачылып үн дебей отуруп берди. "Чын эле Сарыгул азыр мунун бал тилине көнүп элдешет го" деп ойлоп кетти. Ичинен "Сарыгул мага кылган өнөрүн буга да көрсөтсө" деп каалап турган.

- Элдешебиз. Элдешпей кайда барат элек. Бирок, ар кимибиз өз эсебибизди алгандан кийин. Тигил жакта (түрмөнү айтканы) ар ким оозунан чыккан сөзгө жооп берет. Сен да оозуңдан чыккан сөзгө жооп бересиң.

- Кой эми Саке ал жакты "түрмө" дейт. Бул жакты "боштондук" дейт. Экөө эки башка да. Боштондукта оозго келгенди оттоп жүрө беребиз. Эч кимге деле жооп бербейбиз, - деди кайпактай.

- Сенин ошол оозго келгенди оттогонуң үчүн күнөөсүз "Кара дөөнүн" агасы өмүрүнөн айрылып, жапжаш бала топурак астында калды. Менин болсо турмушум сынып, балалык өмүрүм менен коштошо электе тигил жактын тузун татып 9 жыл "күнөстөдүм".

- Туура бул кудай урган тилдин пайдасынан да азабын көп тарттым Саке. Күнөөм бар. Астыңа түшөйүн. Кечир. Күнөөмдү тартайын.

- Мына мунуң жүйөөлү сөз. Астыма бир туруп бересиң. Болду экөөбүз толук эсептешкен болобуз. Белек Сарыгул эмнени кыйытып жатат түшүнбөй калды.

- Жана шаардан эле айтсаңар болмок экен. Түз ресторанга бармак экенбиз.

- Ресторандын кереги жок ишти ушул жерден бүтүрөбүз. Белек дагы түшүнбөй калды.

- Эмне акчалай берейинби?

- Акчаңдын мага кереги жок. Азыр машинадан чык да, шымыңды чечип, тоңкоюп туруп бересиң. Болду. Менин аласам ушул,- Сарыгул эми тиштене сүйлөдү.

- Койчу Саке тамашаңды.Ошол кантип болсун. Сураган акчаңды берейин, айт. Анча-мынча жыйнап жүрдүм эле.

- Кой, көп сүйлөгөн менен пайда жок. Чык машинадан. Сарыгул буйра сүйлөдү да, өзү да машинанын эшигин ачты.

Белек машинанын эшигин шарт ачып атып чыкты да, өкүрүп-бакырып качып жөнөдү.

- Жардамга... Жардамга... Эл журт... милиция... өлтүрүп жатат.

Баарына сак турган Сарыгул аркасынан удаа жетип, чалып жыкты. Экөө караңгыда кармаша кетишти. Белек жыгылганда тоголонуп барып чалкасынан түштү да, басып жыгылам деген Сарыгулду кош аяктай төшкө тепти. Сарыгул артка учуп кетти. Ал түгүл кичине эси да оой түштү. Тигил кайра туруп качты.

- Жардам... Жардам...

Кантсе да кичине жулмалашып, кармашып калганга демиге түшкөн неме жанагыдай жер-сууну буза өкүрө албады. Үнү пасыраак чыкты. Бул жолу Сарыгул кууп жетип, кежигесине секире үстүнөн басып жыгылды. Талуу жерине муштап, эсин оодарам деп караңгыда таамай муштай албай жатты.

Экөө дагы тытышып, кармаша кетишти. Жанталашкан Белек беркини оозуна туш келген жерин тиштеп да жатты. Каруудан тиштегенде Сарыгул күрөө тамырга уруп калды. Ошондо башы "шылк" деп эси оой түштү.

Ийинине салып көтөрүп машинага апкелди да, жерге шалак таштап отуруп калды. "Кара дөө" машинасынан чыккан да жок. "Бириң өлүп, бириң кал" дегенсип отура берди. Сарыгул башында экөөлөп киреби деп саксынып аткан. Тигил машинадан чыкпагандан кийин жүрөксүбөй калды. Кейпи, мен көргөн кордукту бул шыйпаң да көрсүн десе керек.

Белектин күтүүсүз жоругуна жүрөгү дүкүлдөп чыккан Сарыгул айланага кулак төшөдү. "Балким, бирөө-жарым Белектин үнүн угуп келип калабы" -деп да чоочуп турган. Жок. Айлана тынч. Бейкам дабыш деле угулбайт. Кантсе да шашыш керек болуп турду. Балким жогорудагы тоо түбүнөн тынымсыз өткөн машиналардын бирөө жарымы үндү угуп калып, милицияга жеткирип коюшу толук мүмкүн.

Кайра ордунан туруп, тигини көтөрүп машинанын арткы багажына туура "Кара дөөнү" жаткыргандай арта сала жаткырды.

Кармашып атып чарчап калгангабы, өзүнүн көңүлү келбеди алигиси да баш көтөрөөр түрү жок.

- "Кара дөө"!?

- И-мне...

- Чык машинадан! Мунун ишин сен бүтүрөсүң. Сага бердим.

"Кара дөө" күрсүйүп чыга келди да жалбарыңкы үнү менен:

- Саке... мен... мен мындайга... эркекке өмүрү барган эмесмин. Дитим чаппай турат. Өзүң эле бүтүрө берчи.

- Дитиң чабат. Чапканда да кандай чабат. Эгер болбойт экен, анда азыр бычып салам. "Дың" дебей иштейсиң.

Шарт бычагын сууруп чыкты. Жалаңдаган бычак айдын жарыгында "жарк-журк" деп көзгө жаман көрүнөт экен. "Кара дөөнүн" муундары титиреп кетти. "Өзгөчө бычып салам" дегенди укканда "бул канкор эч нерседен кайра тартпай калган экен" деген ойго кетти. Керек болсо азыр Белек экөөнү тең ушул жерге мууздап, машинага салып туруп өрттөп ийип, басып кетиши да мүмкүн. Алеки саатта башына миң сан ой келди.

- Сабыр кыл. Саке. Азыр. Бул шүмшүктү ошентиш эле керек болсо...

Ичиндеги коркууга кошулуп шакардай кайнаган ызалыкты Белектен чыгарып алгысы келип кетти. Так ушул шүмшүктүн тапан тили болбогондо, балким азыр үчөө тең бул жерде турушмак эмес.

Дугдуңдай ишке киришти. Белек кыймылдайын деди эле, Сарыгул чыкыйга муштап койгондо кайра "шылк" дей түштү.

- Ме сага... ме сага... тилиңди көчүгүңө тыккыр...

"Кара дөөнүн" кылыгына жанында турган Сарыгулдун ачуусу тарап, көңүлү ачыла түштү.

Болбосо, кайра-кайра бычагын мыжыгып, жанын коерго жер таппай, өзүн кармана албай бараткан эле.

"Кара дөө" кантсе да акылдуулук кылды" - деп койду ичинен. Эгер дагы кежирленип кер сүйлөгөндө кекиртегин бычак шылып түшүшү толук мүмкүн эле.

Жолдон бир шише арак алышты да, эсине келип кайра жоготуп шылкылдап келаткан Белектин оозуна жарымысынан көбүрөөгүн куюп туруп жатаканасына жеткирип ташташты.

"Кара дөө" өзү көтөрүп кийирип, жаткырып келди.

Сарыгул "Кара дөө" менен коштошуп жатып:

- Болду. Толук эсептешип бүттүк. Экинчи кайчылаш жолдо, каршылаш болуп кездешпейли. Мен сени тааныбайм. Сен мени тааныбайсың. Ортодо эмне болуп өтсө унут, - деди да, караңгы түнгө сиңип кетти.

Чын эле ошол бойдон "Кара дөө" Сарыгулду көрбөдү.

Анын үстүнө такси айдаганды таштап, курулушка кирип кетти. Белектин да эмне болгонун билбеди. Экөө бири-бирине жолукпаганга аракеттенип, качышчу эле.

ххх

Азият "борбордогу" өзүнүн көздөй ишенимдүү адамына "Рыжый Болотту" катуу тарбиялап коюш керек. Өз чегинен чыга баштады. Муну тез арада жасасаңыз жакшы болот эле. Сиздин баягы "эстелигиңиз" али менде, өз калыбында сакталуу турат", деген "визитка" жиберип жатып, Рыжый Болоттун "балким бир кездеги Сарыгул да болушу мүмкүн" деген версияны жиберген жок. Аны өзүнө "көмүскөдөгү жүрүш" кылыш үчүн алып калды.

ххх

"Рыжый Болот " Азияттын "визиткасын" алгандан кийин чекесин бырыштыра көпкө ойлонуп отуруп калды. Мындан түзүгүрөөк жооп алам деп деле күткөн эмес. Ошондуктан, какшык жылдырган жоопко ашыкча капа да болбоду. Болгону, "Азият" дегениңдин чыныгы жүзү ким?" - деген суроо дагы мээсин жеп жатты. Анын кылмышкер шимшүүрлөрү Азият жөнүндө түзүк эч нерсе деле билип бере алган эмес. Болгону "Азият" деген атын укканда, керек болсо "мыйзамдагы уурулар" да кысчу жерлерин кысып калаарын, анын айтканы айткандай, дегени дегендей аткарылаарын, далай баш кесерлер Азияттын алдында кызмат кылып жүрүп, ың-жыңсыз жок болуп кетээрин, аларды эч ким сурабаганы. Өз колу менен кумурсканын уюгун бузбаса да далай нарко, соода, нефти, газ, электр энергиясына байланышкан контрабандалык соодаларга таасири барын билген. Түрмөгө түшкөн эмес. "Ак жакачан" болуп да чоң кызматта иштебеген. Бирок, кылмышкерлердин чөйрөсүндө да, "Ак жакачандардын" чөйрөсүндө да таасири күчтүү. Бул эмне деген "Темный жан" деп башын катырчу болду. Баягы СССР бар кездеги иштеген кызматы жөнүндө да эч нерсе биле албады. Душманың канча табышмактуу болсо, ошончо коркунучтуу болорун жакшы билчү. Эгер "Ак жакачандардын" чөйрөсүнөн болсочу? Балким, алардын "королдорунандыр"? Анда иш жакшы болбойт. "Ак жакачандар" менен ойнош опурталдуу. Алардын колунда дайыма бийлик бар. А бийлик дегениң жаман, байкабай талуу жерин басып алсаң, биттей ушалап коет. Өзгөчө кылмышкерлерди жок кылыш бийликтегилер үчүн оюнчук.

Азияттан "движение" болгон жок. Баарын өзү баштады. Демек, өзү бүтүрүшү керек. Каттын жообун кантсе экен. Балким бир аз убакыт аярлай турабы. Балким Азияттын суроосун канааттандырып, "Протезди" анын колуна салып берсечи? Туура, ишти "Протезден" баштоо керек.

"Рыжый Болоттун" буйругу менен жулунган жигиттери "Протезди" алып, жетип келишти. Кылмышкерлердин адатын жакшы түшүнгөн Болот "Протез", "Бриллиант жылан" жөнүндө кабар берген күндөн баштап катуу кайтартып койгон болчу. "Протез" эки-үч жолу качып кетүүгө аракет жасаганын билдиришкен. Оңбогон абышканын култуңдаган кылыгы ого бетер аяр болууга түрткөн. Жаналгычтын өзүнөн да коркпогон "Протездей" өлүмтүктүн Азияттан титиреп коркушу эле эмнени билдирет?

Болот сөздү түз баштады:

- "Протез" Азиятка конокко барууга кандайсың? Эски досуң сени сагыныптыр. Көргүсү келип жаткан экен.

Азияттын атын укканда "Протез" тим эле "жыланды көргөн чычкандай" бүрүшө түштү. Ал түгүл өңү "боп-боз" болуп жаны үзүлүп бараткан адамдын кейпин кийип калды.

- Азияттын мендей шордууну көргүсү келгени "карышкырдын койду", "ажыдаардын коенду" көргүсү келгениндей эле кеп, сынок. Өмүрү шордон башы арылбаган мендей байкушту Азиятка салып берсең өзүң бил. Ансыз да өлөөрүмө жыл эмес саналуу күндөр калганда жарыкчылыкта кыбырай турсамбы дегем. Эми минтип тагдырымды сен түшүнбөсөң деги киши түшүнбөйт. Өзүң айтчы менин эмнем бар? Бир аз күндүк жашоомдон башка эч нерсем жок, сынок.

Тагдырдын маңдайыма жазганыбы, өзүм улам жаза баса бердимби, өмүрүмдүн көбү "баланда" ичиш менен өттү. (Түрмөчүлөргө берген тамакты айтат).

Сен да "көк жалдын көк жалысың", ырас, Азиятка мени жем катары салгың келип калыптыр, жолу ошого такалса керек. Мейлиң, өзүңдүн эркиң. Өлөрдө жок дегенде сенин керегиңе бир жарап кетейин.

Бирок, эскертип коерум, Азияттын көзүн көрөөрүм менен өз жанымды өзүм кыям. Анын кислотасына бутумдан баштап ээригиче мүрт өлгөнүм жакшы.

"Протездин" айткандарын угуп отуруп "Рыжый Болоттун" денеси дүркүрөп кетти.

- "Протез" чындыкты айтчы? Деги Азият дегениң ким?

- Болот, Кудайдан жашырбаганымды сенден жашырбайм. Бул Азият "жаналгычтын" чыныгы жүзүн бир Кудай билбесе эч ким билбейт.

Балким уксаң керек, бир учурда экөөбүздөй селсаяктардын арасында атагы дүңгүрөгөн "Кара жылан" деген болгон. Так ошол "Кара жыландын" өз оозунан уккам. "Кылмышкерлер дүйнөсүн "былк" дедирбей кармаш үчүн КГБ атайын бөлүм түзүп, селсаяктардын арасына тор жайды. Саясатка аралашып баш көтөрчүсү болсо жиндиканага даярдаганга, өтө коркунучтууларын тымызын селсаяктардын колу менен жок кылдырганга "палачтар" иштей баштады. Мына ошол "палачтардын" башчысына "Азият" деген кличканы мен койдум" дегенин.

"Палачтардын" жасаган кылмышынын жүзү эч убакта ачылбайт. Өздөрү жазаланбайт. Ооган согушунда ал тараптан ташылган наркотоварды бизде иштетип, кайра капиталисттик мамлекеттерге саттыруунун башында да ушул Азият турган экен. Эми бул жагы саясат. Ага менин түшүнүгүм жетпейт. СССР тирүү кезинде капиталисттер "коммунисттерди поголовно алкаш кылабыз" дешчү тура. Коммунисттер болсо "Капиталисттерди поголовно наркоман кылабыз" дешчү экен.

Ооганапийими бул жакка ташылып келинип, кайра героинге айланып, капиталисттерге "подаркага" жөнөтүлүп турганын билесиң да, сынок... У-уу мына акча деген, байлык деген ошолордун колунда болгон го. СССР күтүүсүз тарады. Баары баш аламан болуп кетти. Чет өлкөлөргө өткөрүлгөн тонналаган наркотоварлардын "навары" кайда чөктү ким билет дейсиң, сынок. Нечен банктарда жеке счеттор ачылып, миллиондор "ойноп жүрчү" да. Бул жагдайда анча-мынча кабардар болгонумду өзүң билесиң, мен өмүр бою нарко- сооданын азабын тартып келдим.

"Протезди" угуп отуруп "Рыжый Болот" "Азиятка" катылам деп "кыйшык кадам" таштаганын түшүнө баштады.Бир чети "Бриллиант жылан" жөнүндөгү башты айландырган кабарды айтып, ушул ишке түрткөнү үчүн "Протезге" кыжыры келген менен кайра астында бүрүшүп отурган чалды аяп да кетти. "Протез" чындыгында эле өмүр бою башы кылмыштан чыкпаган шордуу. Бул абышканын жыргал күнүнөн кууралы көп болсо керек.

Эмнегедир ушул саам "Рыжый Болот" өзүнүн келечек тагдырын көрүп тургандай болуп кетти. Бул ачуу чындык Болотту жүрөккө сайды. Денеси "дүр" деп, көз кычыктары ачышып, суулана түштү.

"Протезди" Азиятка бергени менен деле ал "Бриллиант жыланды" кармата койбойт. Бул оңбогон жыланды көрбөсө да дарегин укканы үчүн эле канча түйшүк башына түшкөнүнө Болот тырчып турду. Көздөрүн жума "Протез" экөөнүн өткөндөгү каргашалуу пикир алышуусун эстеди. "Протез" күнүмдүк оокатына жардам сурап келген экен. Мезгилинде "Протездин" менменсинген кылмышкерлер менен "табакташ" болуп жүргөнүн уккан жайы бар эле.

Сөздөн сөз чыгып отуруп:

- Алматынын жарымысы менин машинамды минип жүрөт. "Кылмышкермин" дегендин көбү мен сатып берген квартираларда жашоодо. Министрлер баш болуп, чет өлкөдөгү каткан валюталарын коргоп берүүгө мага кайрылышат. Чыныңды айтчы мурда-кийин селсаяктардан менчелик кулачы жайылганга жолуктуң беле - деп калбайбы. Ошондо "Протез" көздөрүн жүлжүйтүп туруп:

- Сынок сенин чыныгы көкжал экениңде айып жок. Атың алыска угулду. Илебиңе нан бышып турган учур. Бирок, "учуру келгенде айтпаса сөз атасы өлөт" - дейт. Бул дүйнөдө "Бриллиант жылан" деген бар. Мына ошол оңбогон жыланга кожоюн болгондор жана байлыктын да, кылмыш дүйнөсүнүн да сересине жеткенин сезет - деп уккам. Ал жылан болсо "Азият" аттуу кан ичердин колунда экенин так билем. Бирок сынок, тынч жашайм десең мен айткан сөздү унут да, "Бриллиант жылан" жөнүндө эч кандай "движение" жасаба.

Мен билгенден ал кан ичер жыландын өзүн эмес, дарегин кайда экенин билгендер көпкө жашабайт. Минтип тилим кычышып кетип сагызгандай сайрайм деп, мен да балким, бул жашоомо акыркы крестти койдум окшойт, - дейт. Анда анчалык деле көп терең маани бербей кызыга түшкөн Болот: "ал эмне болгон жылан", - деп лыкылдатып сурап олтуруп "Протездин" жылан жөнүндөгү билген таржымалын бүт уккан. Анан "Азиятка" "визитка" жиберип ийип жатпайбы. Этеги минтип туңгуюкка такалды. Ойлуу отурду да "Протезге":

- Бара бер. Кайда барсаң анда бар. Болгону экинчи көзүмө көрүнбө, - деди.

"Протез" өз уккан кулагына өзү ишенбеди. Мындай болушу эч мүмкүн эмес болчу. Астындагы койду жебей басып кеткен карышкыр да болчу беле. Эми буйрук экен. Башка салганды көрөйүн деп боюн жыйып отурган неме "бул Рыжый кандай тамаша көрсөткөн турат" - деп шалдырай түштү. Башына миң сан ойлор келди. "Азыр эшикке чыгарым менен желдеттерине жайлатат да, өлүгүмдү Азиятка жиберет" деген ой жанын жеп ордунан очорула турду.

- Мунуңа да рахмат. Азияттын жылан көзүнө тирүү урунбаганым оң сынок, -деди да эшикке илкий жөнөдү.

Болот ойго чөгө, анын чыгып кеткенине да маани бербеди.

Көп өтпөй бир жигити жүгүрүп кирди да "Протез" эшик алдынан жүрөгүн мыкчып кулап түшүп, "тез жардам" чакыргычакты эле үзүлүп кете берди -деп кабарлады.

- Оңбогон гана чал. Өлгөндө да жөн өлбөй артында түйшүк калтырганын айтпайсыңбы, - деп сөгүнүп алды да, - Жакшылап көөмп койгула. Селсаяктар аза күтсүн. "Протез" селсаяктын селсаягы болчу, - деди. "Протездин" эмне түйшүк калтырганын Болоттун өзүнөн башка эч кимиси түшүнгөн жок.

Улам жыл өткөн сайын карышкырдай аяр болуп калган Болот күтүүсүз туюкка камалганына күйүп турду. "Бриллиант жыландын" түбү "ачуу" тийерин жүрөгү сезип, алгач аярласа да ышкысы жеңип кетпедиби.

Анын үстүнө "Республиканын кожоюну" деген тажыны кийгизем деген "Самурай" да кийинки убакта "кыймылын" жайлатып калды. Аны "жылытыш" үчүн өзүнчө бир адам оюна келбегендей белек керек болчу. "Кандай белек тапсам" деп баш катырып жүргөндө "Бриллиант жылан" жөнүндө угуп калып отурбайбы. Ошондо оюна "Самурайга" мындай белек тартууласам, сөзсүз "жылыйт" да мага "Республиканын кожоюну" деген таажыны кийгизет деген ой мээсине "шык" деп кадалды да, шашкалактап Азиятка "визитка" жиберди.

Эми бары кеч. "Визиткамды" кайра алдым" деген күндө да күнөөсү жуулбайт. "Бриллиант жыландын" дарегин билген адам жашабаш керек" -деп "Протез" бекер какшаган жок. Ар бир кадамына сак болбосо болбойт. Эң башкысы коркуп калганыңды билгизбегенге аракет кылуу керек. Душманың коркконуңду билип калса, жөн гана коенду басып жеген арстанча эки чайнап бир жутуп коет.

Башын мыжыгып отурду да, "чабуул" кылып көрүүнү ойлоду. "Эң мыкты" дегендерди жибербеди. Өзүн көрсөткүсү келген "выскачкалардан" топтолгондорго бир карт бөрү кошуп туруп "жакшылап тарбиялап, астыма сүйрөп алып келгиле!" - деп жөнөтүп жиберди.

Бир "Мерседес", бир "Жип" менен кеткен жигиттери эки күн өтпөй бозала болуп жетип келишти. Арасындагы баягы "карт бөрү" гана жок.

Болгондо да мешок ыргыткандай Азияттын жигиттерин эшик алдына ыргытып кетиптир. Өң алеттеринен эч нерсе жок. Баягы эдиреңдеген немелердин бети-баштарына, ооздоруна учук чыгып, сүйлөөгө жарабай калган.

"Башчыңар кана?" - деген суроого титиреп турушуп, үч литрлик үч банканы сумкаларынан сууруп чыгышты да "Рыжый Болоттун" астына коюшту.

Үч литрлик банкадагы килкилдеген суюктукту карап туруп "Рыжый Болот" көргөн көзүнө ишенбеди. Тигилердин бири титиреп Болотко кат сунду.

"Рыжый Сарыгул" мунуң көлөмдүү экен, үч банкамды коротту. Сен эки банкага кенен сыясың. Өз колум менен батырам. "Протезди" мага бербегениң үчүн эки эсе күнөөкөрсүң. Сени банка ичинен көрүүгө чексиз куштар Азият" деп жазылып туруптур.

Далайды көргөн, бирок, Болот мындайды көргөн эмес. Ошондо акыркы жолу зонада жүргөндө "Ооганстандан өлгөн солдаттардын ичине толтура апийим шыкап ташыттырган бир канкор бар" деп укканын эстеди. Балким, ошол Азияттыр.

Үн деп сүйлөбөдү. Ансыз да тирүү өлүк болуп отурган тигилерди "чыккыла" деди да жакын деген жигиттерин чакырып "Банкаларды ачпай туруп жай казып көрүстөнгө койгула. Үстүнө "Селсаяк болчу" деп жазып койгула" - деди.

Турган үйү күтүүсүз кол салуудан өзгөчө корголгон жай болчу. Ошондо да кайтарууну эки эсе күчөттү. Коргонуу менен кутула албасын да билип турду. Азияттан кутулуунун бир гана жолу өлүп кутулуу керек. Ким билет, ошондо кутулаар бекен? "Сарыгул" деп сайрап турбайбы. Божомолубу же чын билеби.

Башканы кой өзү да Сарыгулдун ким экенин унутуп калган. Ал түгүл кыргыз тилин таптакыр унутуп, жалаң казакча сүйлөп жүрчү. "Жасаган кыңыр ишимди жан билбейт" - деп ойлочу. Тобоо. "Бриллиант жыландын" дарегин билгендердин тукуму үзүлбөгөн сыяктуу эле кыңыр ишиңдин кылы үзүлбөй, бир жерде болбосо, бир жерде кала берет экен го" деген ой башын жеп, эриндери титиреп өзүн коөрго жер таппай турду. "Протез, Протез сен мени тирүүлөй өрттөгөн экенсиң", - деп дагы сөгүнүп-сөгүнүп алды.

ххх

Азият "Борбордон": "Заман баягы эмес. Өзгөрө баштады. Аны өзүң да байкап жаткандырсың. Менин "белегимди" көзүңдүн карегиндей сакта. Ал азырынча керек эмес. Аа өзүңө болсо сак бол. Ашык кыймыл жасаба. Сенин сурооң болсо толук аткарылат. Андай күчүктөрдүн кулагын толгоп коюш иш деле эмес" деген "визитка" алганда көңүлү жайлана түштү.

Чындыгында эле заман баягы болбой өзгөрүп баратты. СССР империясы тарагандагы баш-аламандык бүтүп, өзүнчө бөлүнүп чыккан эркин мамлекеттер өздөрүнүн мамлекеттик башкаруу системаларын жолго коюп, тиешелүү мыйзамдарын кабыл алууга өтүштү. Мамлекеттер аралык мамилелер да жолго коюлуп, мыйзамдуу талаптар ишке кире баштады. "Эркиндиктин оорусу" менен ооруган доор "өлүп" бараткан сайын, кылмышкерлердин да даң салган заманы бүтүп баратканын Азият билбей калыптырбы? Билип турду. Ошондуктан, мурдагыдай уу-дуу менен өлкөнүн Президентинен бетер астында бир машина, артында бир машина кылып коштотуп жүргөнүн токтотуп үлүлчө тегерегин бекемдей баштаган.

Улам барган сайын ишканаларына, соода түйүндөрүнө мамлекеттик салыкты мыйзамдагыдай төлөгүлө, "кыйшык кадам" таштабагыла" деген талапты койду. Өзү "көлөкөгө" өтүп, түз жоопкерчиликти башкаларга тапшыра баштады. Азияттын мындай "тынчышын" көптөрү "Кантсе да карылык башына келди. Анын үстүнө Фаризаттан айрылгандан кийин көтөрүлө албай калды" деп түшүнүштү. Чындыгында Фаризаттан айрылуу Азияттын жүрөгүнө сайылган ийне болду. Эң башкысы өзү гана билген сыр "Бриллиант жыландан" айрылып отурат.

"Бриллиант жылан" жөнүндө билгендерден "Протез" өлдү. Жөн өлбөй кайдагы бир "Рыжый Болот" деген күчүккө дөөрүп кетти. Дагы кимдерге айтты. Дагы кимдер "Протездин" жомогуна ишенди. Мына Азиятка тынчтык бербеген ойлор.

Анткен менен да "Рыжыйдын" Азиятка катылышы аны бир топ тирилтип койду. Азият Болоттун баскан изинен бери аңдытып койгон болчу. Болоттун "боевик" сөрөйлөрү жолдон эле кармалышты. Паяльникти күйгүзө электе эле тилдери буудай кууруп сайрап беришти. Ошентсе да бир жылга оңдуу отура албагыдай кылып, көчүк жүндөрүн куйкалаттырып койду. Өзгөчө кислотага килкилдеп ээритилип, банкаларга куюлган шериктешин көргөндө тил ооздон айрылышып, айрымдарынын "крышалары" кыйшая түштү.

"Рыжый" экинчи "Азият" деген атты укканда, түшүнөн чоочуп ойгонсун" деп ошентти. Көптөн бери чыгара албай жүргөн ачуусун чыгарып алды. "Рыжый" менен тирешүү Азиятты бир чети алаксытып да койду. Кайда кеткени дайынсыз Фаризаттын азабын тарткыча, колунда турган "Рыжыйдын" артынан түшүү оң болчу. Кандай да болбосун "Рыжыйды" карматып келип, чычкандай эрмектегиси келген ыкшоосу күчөп баратты.

ххх

Шаанын Ли менен болгон жолугушуусу ойдогудай бүтпөгөн менен шаабайы суубады. Эң негизгиси "жиптин учугу" табылды. Эми чеберлеп түрсө, түбүнө да жетүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Линин кызын издеп Америкага барбаган себеби, "кыз китепти өзү менен алып жүргөн жок. Ал Ли өмүр бою мекендеген калың токой курчаган бөксө тоолуу айлында. Кыз эртедир-кечтир сөзсүз келет. Кызды так ушул жактан күтүш керек" деп чечти.

Бул күтүү канчага созулаарын да билбеди. Бекер жүрмөк эмес. Астына экинчи максат кылып койгон Кытайдын, Тибеттин байыркы фольклорун, чыгыш күрөшүнүн учу кыйырсыз сырларын изилдөөнү уланта бермек.

Тоодогу үңкүрдө жашаган дербиш жөнүндө угуп калды. Жергиликтүү эл ал дербиш лама жөнүндө сөз да кылбайт экен.

Көрсө, лама өзү жөнүндө айылдыктардан ар кимдерге эле айта бербешин суранат экен. Чалдын айтканын аткарбай ээн ооздук кылгандардын түшүнө кирип, кадимкидей кыйнайт имиш. Ошондон коркуп калган жергиликтүүлөр сөз кыла бербейт.

Шаа бул сырдын аныгын бүжүрөгөн оорулуу кемпирден укту. Түнт токойлуу бөксө тоонун этегине жайгашкан элүү түтүнчө эл жашаган айылга, ушул "оорулуу кемпирге жардамдашам" деп келип калды. Экөө базардан таанышышты. Кемпир ого эле биртоп жүк жүктөлгөн кол арабасын жакшы сүйрөй албай тырталаңдап баратыптыр. Боору ооруган Шаа кемпирге жардамдаша кетти эле, кемпир жыртайган көздөрү менен тиктеп:

- Уулум жардамдашам дегениңе рахмат. Бирок, сага төлөгүдөй менде тыйын жок, - деди.

- Энеке бекер эле жардамдашам.

Кемпир Шааны дагы сынай карады да:

- Башка элденсиң го? - деди.

- Ооба энеке. Биздин элде карыларга жардамдашып коюуга үйрөтөт.

- Демек, саныңар аз эл окшойсуңар? Анан да айылда өссөң керек.

Шаа кемпирдин акылмандыгына делдейе түштү.

- Кантип билдиңиз энеке?..

- Карыларга жардам берип коюну кайсыл элде болбосун үйрөтөт уулум. Бирок, ал саны көп кытайдай элде унут болуп, ишке ашпай калат. Тегерегиңди карачы? Мендей өлөсөлү карылар миң, миллион, кайсыл бирине жардамдашууга шайың жетет. Аз элдин карысы аз. Жаштары көп. Анткени, аз эл көп балалуу болот. Ошондуктан, карылар дээрлик темтеңдеп көчөгө чыкпайт. Анда-санда көрүнө калган карыга жаштар жардам бере коюууга куштар. Эми түшүндүңбү? - деп шыпшынып койду.

Экөө жанаша басып, кол арабаны Шаа сүйрөп, кемпир болсо божурап сүйлөп баратты. Кемпир картайса да акыл-эси таза экен. Сүйлөгөндү да жакшы көрөт окшойт. Шаанын илимпоз экенин укканда:

- Түбү жок кудукка кулапсың уулум, - деди.

- Кандайча энеке?..

- Уулум кемпирдин башын ооруткуң келет ээ. Аны өзүң деле түшүнүп турбайсыңбы, - дегенде Шаа дагы бир жолу делдейди.

Кытайда, өзгөчө Тибетте адамдын оюн оозунан сөз чыкпаса да окуй алган ламалар болот деп окуган. Бирок, ушул кезге чейин андайларды жолуктура элек болчу. Сүйлөөгө сөз таппай калды эле кемпир өзү улап кетти:

- Адам кызыкчылыгы чексиз, уулум. Илимий иш жүргүзгөндүн жаманы жок. Кеп маңдай тер төгүп эмгектене билүүдө. Ал эми эмгектин үзүрү сөзсүз болот, - деп аягын тунгуюктап койду.

Көрсө, кемпир айылына автобус жөнөөчү чакан автобекетке келатыптыр. Азыр көпчүлүгү кары-картаңдар эле калган кемпирдин жашаган айылы жөнүндө укканда кызыгуусу артып, ээрчип, ушул дүйнөнүн унутулуп бараткан бир бурчуна барууну чечип, жөнөп кете берди.

Айылга келгенде да кемпирдин үйүндө туруп калды. Жөн турбай короо-жайын ирээтке келтирип, кичине жамгыр жааса эле тамчы куюлган тоокканасын, малканасын оңдоп кемпирди жыргатып салды. Кемпирдин өзүнө жеткидей чарбасы бар экен.

Беш эчкиси, элүүдөн ашык тоогу бар. Эчкилеринин сүтүнөн түрлүү быштак жасап, май жасап сатып, тоокторунун жумурткаларын сатып жан сактайт экен.

Анан ушул айылда тамекиси оозунан түшпөгөн, өзү дайыма кызуу жүргөн дагы бир чал боло турган. Ошол чал бир күнү Шааны чакырып калды да:

- Уулум сен менин сообума калып арак алып берчи? Мен сага эч ким билбеген бир сырды айтып берейин, - деди. Шаа алгач чалга ишене бербеди. "Жөн эле башы ооруган чал мени алдагысы келип жатат го" - деп ичинен ойлой кетти.

- Жок мен сени алдабайм. Ушул жашка келгиче мен эч кимди алдаган эмесмин, - деди чал.

Шаа бул чакан айылдагылардын көбү адамдын оюн оозунан сөз чыга электе окуй алаарына көп деле таң калбай калган.

- Болуптур, - деди да дүкөнгө жөнөдү.

"Мен тетиги карагайдын түбүндө болом," - деди чал.

Шаа келсе чал дөңгөчтө чыдамсыздана отурган экен. Чөнтөгүнөн пластмасса идишин сууруп чыкты да:

- Куйчу алдыгындан, - деди.

Шаа үнсүз бир литрлик шишедеги арактын оозун ачты да, тигиге куюп берди. Колундагы аракты тартып жиберди да көздөрүн жуумп далайга отурду. Анан шишенин калганын Шаадан алып оозун бурап бекитип туруп койнуна катты да, туруп баратып эстей коюп:

- А-а жанагы сыр жөнүндө, мына бул жолду көрдүңбү? Так ушул жол менен жүрүп отурсаң тоого көтөрүлөсүң, чытырман токойдон өтөсүң, анан шаркыратмадан өтөсүң. Анан үңкүргө барып бир тиесиң. Так ушул тасмадай ичке бирок, күн сайын мал чубап өткөнсүп таманына чөп өспөй, кашкайган жол так ошол үңкүргө жеткенде түгөнөт. Ал үңкүрдө сакалы да, чачы да куудай, бирок, бетинин кызылы өчпөгөн, терисин бырыш басса да карылардыкындай, каны кетпеген дербиш лама жашайт.

Ал мен жаш кезимде деле ошондой болчу. Азыр деле ошондой. А-а мен болсо минтип көргө жакындап баратам. Менин атам айткан, ал жаш кезинде деле ошондой болгон экен. Атам жүздөн ашып өлдү. Мен да жүздөн аштым. Атама атамдын атасы айтыптыр. Кыскасы, анын канча жашаганын эч ким билбейт.

Ошол дербиш ламага жолуксаң сен адам билбегенди билесиң. Бул айылдагы карылардын баары дөөпүрөстөр. Сага болбогон нерселерди дөөрүп айтып берип жүрүшөт. Дагы деле ишенбей турасың. Мейлиң, ишениш-коюш өз эркиң. Бирок, мен убадамды аткардым, - деди да басып кетти.

Шаа бул "жомокко" ишенерин да, ишенбесин да билбеди. Айылда өзү жакшы тааныш болуп калган эки-үчөөнө барып чечмелеп сурап көрсө, ийиндерин куушуруп "укпаптырбыз" деп коюшту. Эртең менен түшкө жеткичекти эле айылдагылардын жумурткаларын, сүт, майын чогултуп коюп, алып кетүүгө кечки машина келгиче эригип күтүп отурчу дүкөнчү болсо Шаага "Ой ал алкаш чал дөөрүй берет. Эч кандай лама жок. Мен да алгач укканда ишенип барып жүрбөйүмбү. Жол бийик шаркыратмага барганда бүтөт. Андан ары бийик зоолор. Эч нерсе жок. Тим эле башы ооруганда ар кимге айтып арак алдырып иче берет", дегенде такыр үмүтү үзүлүп, "Чал алдаптыр" деп ойлой баштаган.

Үйгө келсе, Шааны кемпир үңүрөйө карап турду да:

- Оңбогон алкаш дагы дөөрүгөн экен ээ, - деди.

Шаа үндөгөн жок. Иштеген орунтугуна отуруп, акыркы жазгандарын ирээттей баштады. Бул айылга келгени бир айга чукулдап калган. Эми "кайра кетсемби?" деп ойлой баштады. Айылда өткөргөн убактысынын жыйынтыгы өкүнгүдөй деле эмес болчу. Бир топ легендаларды жазды. Өзгөчө бүжүрөгөн кара кемпир табылгыс байлык болуп чыкты. Шаа билбеген, унутулуп бараткан биртоп иероглифтерди үйрөттү. Башында кемпирди билимдүү деп ойлогон да эмес. Турмушка да чыккан эмес экен. Көрсө, бүт өмүрүн ушул айылда мугалимдикке арнаптыр.

Кемпир болсо адатынча, трубкасына махоркадан шыкап алып үн сөзсүз рахаттана тартып отурган. Ойлуу отурган кемпир күтүүсүз сүйлөп кирди. Шаа жакты да караган жок. Эч кимге эмес өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай:

- Кантсе да алкаш чал чындыкты айтыптыр. Ушул биз турган тоо суулардын ээси, кудайдын жердеги өкүлү, улукмандардын улукманы, ыйыктын, ыйыгы ламанын бар экени чындык.

Кеп ага бардык эле каалагандар жолуга бере албасында. Тасма жол чын эле тоодогу үңкүргө алпарат. Бирок, бир сыр бар, шаркыратмага жеткенде коркпой шаркыратманын астына кирүү керек. Суунун илеби күчтүү. Карылуу, күчтүү, мыктылар, чыдамдуулар гана кире алат. Анын үстүнө тоодон түшкөн суунун муздактыгы сөөктү какшатат.

Буркан-шаркан түшүп, үрөй учура ак көбүктөнгөн шаркыратманын астынан өткөндө анын асты көңдөй. Киши бою бийик өткөөл бар. Ар жагынан жарык көрүнүп турат. Аркы бетине чыкканда, тасма жол кайра башталат. Бирок, тик, жалама аскаларды аралап жөнөйт. Шамдагай, токтоо, ар бир кадамыңды так кое билген чебер болбосоң кайра артка тарткан оң. Жалама асканын бетинен өткөн жолдон учсаң сөөгүң сөпөт болот. Кургуйга кулайсың. Ал жаракага жору, кузгун да түшө албайт. Ошентип, сенин кайда кулаганыңды бир кудайдан башка эч ким билбейт.

Канчалардын сөөгү ошол жаракада жатса керек. Мына ошол жалама асканын бетинен өткөндөн кийин көпүрөгө туш болосуң. Асма көпүрө чайкалып турат. Так эле жараканын үстүндө. Жиптери мына-мына үзүлчүдөй болуп турат. Канча жылдар мурда деле ошондой болгон экен, азыр да ошондой болсо керек. Көпүрөдөн өткөндө ажайып дүйнө бар. Жашыл шибер чөп, жылуу булактар. Бет маңдайыңдагы чоң аска таштын түбүндө үңкүр. Үңкүргө киргениңде төрүндө улуктун-улугу, ыйыктын-ыйыгы лама отурат. Атын эч ким билбейт. Канча жашта экенин эч ким билбейт. Буддадай болуп отурат. Тизең өзүнөн өзү бүгүлүп, астына кулап түшөсүң. Тилиң байланып калат. Канча болгонуңду билбейсиң. Тилсиз сүйлөшөсүң. Ал сүйлөбөйт, бирок, сөзү мээңе кирет. Сен сүйлөбөйсүң, бирок, бүт ойлогонуңду ал билип турат. Анан бир кезде кайра кетип бараткан болосуң. Баягы татаал жолдордон жепжеңил өтөсүң. Шаркыратманын суусунан үшүгөндү билбей өтөсүң. Бирок, ага бир гана жолу барганга уруксаат. Ушундай түшүнүк берилет. Экинчи жолу кайра кайрылып келүүнү каалабасаң гана уруксаат. Бирок, кайрылып келүүнү каалабаган адамдар барып, кайда кеткенин эч ким билбейт. Жооп болбойт. Барып келгендердин көбүнүн көзү ачылып узак жашайт. Айрымдары бир жумага жетпей өлөт.

Сен азыр ага бара албайсың. Анткени, эртең тескери жакка жолго чыгышың керек. Сен көптөн бери күтүп жүргөн адам келип, өтүп кеткен атасынын арбагына сыйынып жатат.

Сен эки күндөн кийин жолго чык. Анткени, окутуучуңа катуу сыйынышың керек. Астыдагы жолугушууң өтө катуу. Окутуучуң экөөңдүн араңар алыстай түшүптүр. Сыйынышыңа мен жардам берем. Окутуучуң түшүңө кирет да эмне кылыш керектигин айтат. Ошондо жолго чыгууга даяр болосуң. Болбосо, мертинип каласың. Ийгилик сен тарапта эмес. Каршылашың тарапта экен.

Мына ушунун баарын кемпир бир дем менен улам тамекисин соруп, ойлуу отуруп айтты.

Шаа үн чыгарбай дымырап отуруп укту.

Кемпир этегинде:

- Эми менин өлөрүм калды. Сага сыр ачканым үчүн Теңир кечирсин. Ансыз да бүт өмүр бою жүрөгүм өрттөнсө да, ушунча сырды эч кимге чыгарбай ичке сактадым. Жалаң ушул сырды чыдабай айтып коөм го деп турмушка чыкпадым. Кечил өттүм. Бир да адамга пейлимди салбадым. Көр оозунда турганымда пейилим сага түштү. Бала деген эмне экенин билбесем да сен мага баламдай болуп калдың. Эч бир арам ою жок, эч акы доолабай, жөн гана ыймандуулук менен карыга жардам бергениң мени жибитти. Энеңдей мамиле кылганың мени жибитти. Азыр өмүрдүн бир рахаты, эне болуу рахатын көрбөй калганыма өкүнүп "кайра" жок аз күн болсо да сага эне болуп, аз болсо да энелик рахатты көрдүм деп кайра топук кыла өкүнбөй, денем балкып отурам, уулум. Мага сенчилеп "энекелеп" эч ким кайрылган эмес. Бу да мага Кудайдын берген белеги болсо керек. Менин жарык дүйнөдө жашашыма жети эле күндүк мөөнөт калды. Эгер астыдагы жолугушуудан аман калып кайрылып келсең, мени тирүү көрбөйсүң. Ал эми жолугушууң кандай болот көрө билүүгө менин күчүм жетпейт экен.

Ал жактан күчтүү жарык чачып, эч нерсе көрсөтпөй жатат. Сенде өтө улуу сыр катылган, аны көрүүгө да болбойт экен, күчтүү жарык көздү куйкалайт, - деген сөздөрдү укканда Шаанын жүрөгү дүкүлдөп, денеси бир "дирт" деп кетти.

- Чоочуба, мен сага жакшылык гана каалайм, - деди кемпир "шак" туюп.

Шаа далай көзү ачык, төлгөчүлөрдү көргөн, мындайды жолуктурбаган. Өзгөчө бүжүрөгөн араң жан кемпирден муну күтпөгөн.

Кароосуз калган алсыз оорулуу кемпирди эмнегедир энесиндей көрүп, ак пейилден жардам бергени чындык. Ал түгүл кетеринде "Бул жерде жалгыз кыйын болот го, энеке. Карылар үйүнө алпарайынбы десемби", - деп да ойлоп жүргөн. Көрсө, сырдын баары бул жакта жаткан тура.

Кемпир "Күткөн кишиң келип, атасынын арбагына сыйынып жүрөт" деп ким жөнүндө кеп кылып жатканын Шаа илгиртпей туйду.

Тоодогу дербиш лама жөнүндөгү легенда канчалык кызыктуу болгон күндө да Шаанын барар жагы, "күткөн кишиси" болчу. Кемпир муну туура айтты.

"Чын эле Линин кызы келди бекен? Аны кемпир кантип билип алды?" деген суроо башына келди.

- Күткөн кишиң келгени чындык. Андан кам жебе. А көрөкчө азыр жакшылап тамактаналы да, эрте жатып жакшы эс алалы, - деп тамак даярдаганы чыгып кетти.

Шаанын санаасы-санга бөлүнүп, "Линин кызы келсе дагы канча жүрөөр экен. Балким кайра тез эле кетип калаар. Эртең мененки автобус менен эле кете берсемби?" деген ойлор мээсин жеп жатты.

"Бул түнү тынч уктаарымды да кудай билет" деп ойлогон. Кечки тамакты ичкенден кийин эле уйкусу келе баштады. Төшөккө башы тиери менен кантип көзү илинип кеткенин да билбей калды.

- Шаа, ойгон. Биз жасай турган иштер али көп, - деген кемпирдин үнүнөн ойгонду. Көзүн ачса күн нурлары терезеден төгүлүп туруптур.

- О-уу, аябай уктаптырмын го - деди өзүнө өзү таң кала. Мээси сергип, денеси бир башкача жеңил тартып, аябай жакшы эс алыптыр.

Кемпир ашкана тарапта эртең мененки тамакты даярдап жүргөн экен. Минтип тырп этпей уктай алчу эмес. Кейпи, кемпир кечки тамак менен бир нерсе берген шекилдүү. Канткен менен да шаша бербей кемпирдин айткандарын так аткаруу керектигин ички туюму менен сезди.

Экөө тамактангандан кийин ээрчишип, кемпирдин анда-санда эле киришчү конок бөлмөсүнө өтүштү.

Кемпир бөлмөнүн ичин таптаза кылып жыйнап, төрдөгү Будданын келбетинин астына жаңы жибек жоолук салып, терезелерди караңгылап туруп шам жагып коюптур.

Өзү бөлмөсүнө барып, бир башкача жасалгаланып кийинип келди. Кындуу эки кылыч анан жазылыгы бир карышча келген кызыл тасма бел боо ала чыкты. Алгач Шаанын белине белбоону үч ороп байлады да, анан кылычтарды кынынын куру менен кайчылаштыра далысына байлады. Кылычтан саптарынын учу ийиндеринен укумча чыгып турду. Анан:

- Кана кылычтарды сууруп көрчү, - деди.

Шаа эки кылычты көз ирмемде сууруп чыкты.

- Теңир өзү колдосун, кылыч суурушуң жаман эмес. Бир топ өнөр билээриңди туйдум эле, - деп күңкүлдөп койду.

Кылычтар анча деле узун эмес экен, 65 сантиметрче бар. Бирок, таза болоттон жасалганы, албарстай курч экени билинип турат.

Шаа кызыгып көпкө карап калды эле:

- Кынына салып кой. Жайында тынч жаткырларды, - деди кемпир.

Экөө чөк түшүп жанаша отурушту. Кемпир ичинен бир нерселерди тынымсыз сүйлөп сыйына баштады.

Шаага болсо көздөрүн жуумп үн чыгарбай отуруусун буюрду.

Арадан канча убакыт өттү ким билсин, Шаа бир кезде өзүн караңгы үңкүрдө учуп жүргөндөй сезе баштады. Үңкүрдүн сыртка чыкчу оозун таппай учуп жүрдү. "Уктап калып түш көрүп атамбы?" деп ойлоп коет. Бир кезде аба жетпей кыйнала баштады. Аңгыча кичинекей жарык шоола көрүндү. "Кейпи, үңкүрдүн оозу ошол жакта болсо керек" деп жанталашып шоола тарапты көздөй учту.

Аңгыча өздөрү жарганат сыяктуу, бирок, чоңдугу ителгиче бар жандыктар кайдан жайдан учуп келип тепкилеп, жолун тосуп киришти. Колунан келишинче коргонуп жатты.

Эсине аркасындагы кылычтары түшүп, экөөнү тең сууруп алды да, эми кылычтар менен коргонууга өттү.

Тигил жырткычтар өтө шамдагай болушат экен. Чаптырбай буйтап жатышты. "Жок дегенде биринин канатын үзө чапсам башкасы коркуп качышат беле" деп канчалык билген ыкмаларына салып, шамдагайлык менен шилтесе да буйтап кетишет.

Дарманы кетип, шайы оой баштады. Эми тигилерди өлтүрө чапканды кой, өзүн араң коргоого жарап жатты.

- Балам чыда, мен сага жардамга баратам, - деген Кадыр атасынын үнү угулду. Жанагы жарык шоола чыккан жактан Кадыр атасы учуп келатыптыр.

- Ата... Атаке менин дарманым калбай баратат, - деди демиге.

Кадыр атасы учуп келди да, Шаанын колунан кылычтарды ала коюп тигил жырткычтардын биринен сала биринин башын үзө чаба баштады.

- Карап тур, кылычты кантип шилтеш керек үйрөнүп кал, - деди болот кылычтарды чагылгандын огундай чарт-чурт дедире шилтеп жатып.

Жырткычтар азая түштү.

- Кана эми өзүң шилтеп көрчү, деп кылычтарды кайра Шаага берди. Бул жолу Шаа жаземдебей так шилтеп калыптыр. Күчү да толуп эс ала түшкөн экен.

Жырткычтар бүт кырылды.

- Кадыр ата сиз көптөн бери келбедиңиз го? Мен сиз тапшырган иш менен алпурушуп жүрөм. Акыры изине түштүм, - деди Шаа ыйламсырай.

- Туура уулум. Сага жардамга келе албай жүрдүм. Себеби, күнөө өзүңдө. Атыңды өзгөртүп жибердиң. Акылдашып макулдук албай өзгөрттүң. Ошентип, мен сенден бөлүнө түштүм. Эми мындан ары дайым жаныңда болууга мүмкүнчүлүк ачылды. Сен эми өз жолуң менен тигил жакка кет, мен бул жакка барам, - деди да жанагы ак шоола түшкөн жакка учуп кетти. Шаа артына бурулса, үңкүрдүн оозу көрүнүп туруптур. Сыртка чыгып таза абадан дем алганда эси оой түштү.

Шаа көзүн ачканда кемпир башында отуруптур. Өзү болсо бая эртең мененки бөлмөдө сулап жаткан экен.

- Энеке мен кайдамын? - деди түшүнө бербей.

- Баары жайында уулум. Азаматсың, баарына чыдадың. Сенин ички энергияңдын күчтүү экенине ишенгем. Эми башыңды көтөрүп бул сүттү шыпкай ич да, ордуңа барып жатып эс ал. Калган ишти эртең улантабыз, -деди да, чоң чыныга куюлган сүттү сунду. Курсагы аябай ачкан экен шак эле тартып жиберди. Кандайдыр бир чөптүн даамы бар сүт экен.

Жатууга кам уруп атып саатын карап, түн ортосунан эчак оогонун билгенде таңдана түштү. Бирок, көп ойлонууга дарманы келбей уйкуга кетти.

Эртеси окуу кечөөгүдөй башталды. Кайрадан экөө жанаша чөк түшүп отурушту да, кемпир күбүрөнүп сыйынып кирди.

Шаа дагы уктап кеткенсиди. "Кайрадан баягы үңкүргө барат экенмин" деп жүрөгү дүкүлдөй баштады.

Жок. Бул жолу үңкүргө барбады. Кадыр атасы "жарк" деп маңдайында пайда боло калды. Баягысындай эле экен.

- Ата... Кадыр атасы колун көтөрүп, "сүйлөбө" дегендей белги берди. Баягы кичине кезинде машыктырып жүргөндө "сүйлөбө" деп ушинтип белги берчү.

- Уулум. Теңирим жардам берип, сен ыйык энеге туш болупсуң. Сенден сураарым энеңдин айткандарын толук, так аткар. Ошондо жолуң оң болот. Астыда оор беттешүү күтүп турат. Өзүңдү токтоо кармап, коркпо. Алдастап шашканда чечим чыгарба. Баарын ойлонуп иште! - деди да кайра жок болуп кетти.

Шаа ойгонсо, кемпир экөө эртең мененки калыптарында эле чөк түшүп отурушкан экен. Күн түштөн ооп калыптыр. Кемпир Шааны жылмая карады да:

- Уулум кудай буюрса иш оңунда, мынчалык тез транска түшүрө алам деп ойлогон жок элем. Карысам да "бир койлук" алым бар экен. Бүгүн бүттү, эми эс ал. Эртең жолго чыгасың. Мен билген өнөрүмдү сенден аяган жокмун. Бүт үйрөндүң. Калганын эртең жолго чыгып жатканда сүйлөшөбүз. Мен эми сага жакшылап туруп кечки тамак жасайын, - деп бүкчүңдөй ордунан туруп кетти.

Шаа чөк түшкөн калыбында кемпир чыгып кеткиче отурду да, анан ордунан туруп, кылычтарды сууруп алып бир нече кыймылдарды жасады. Өзүнө буга чейин тааныш эмес кыймылдарды кыйналбай жасап жатты. Кечөө кадимки Кадыр атасы кылыч шилтеген ыкмалар.

Бир нече бийлерди бийлеп кыймылын текшерди. Кантсе да күн ара убакыт таап, денесинин ийилчектигин үзбөй машыктырып жүргөндүктөн кыйналган деле жок. Машыгууларын бүткөндөн кийин токой аралап бир топко басып жүрдү. Тоолордон, токойдон өзүнө энергия сиңирди.

Кечки тамакты кемпир экөө ашыкча сөз деле сүйлөшпөй ичишти.

- Туура ойлойсуң. Мен сени тынч уктап, денең жакшы эс алсын деп айрым бир чөптөрдүн маңызынан тамакка кошуп коюп жатам, мындан эч кандай зыян жок. Тескерисинче пайда. Эртең жолго чыгаарыңда бир чөптүн маңызын ичирем, ал сага толук бир айга чейин ченемсиз күчтү, шамдагайлыкты, күйүкпөөнү тартуулайт, - деди кемпир, Шаа сурабаса деле.

Демейдегидей эле төшөккө башы тиери менен тырп этпей уктады.

Эртең менен эрте ойгонду. Турса, кемпир эчак эртең мененки тамакка даярданып жүргөн экен.

- Уулум кандай эс алдың? - деди Шааны жылмая карап.

- Ойдогудай энеке.

- Жарым сааттан кийин тамак даяр болот. Азыр болсо өзөнгө жүгүрүп бар да, муздак сууга жуунуп кел, - деди.

Экөө тамактанып бүткөндөн кийин;

- Отур уулум, эми жолго чыгаардагы сөздү сүйлөшөлү - деди да, өзү чөгөлөй, Шаанын бет маңдайына отурду. Бир топко чейин ичинен күбүрөп сыйынып жатты. Шаа алгач "дагы уктап кетем го" - деген. Жок, уктабады. Анан сөздү кемпир баштады.

- Уулум, сенин каршылашыңдын астында бир күчтүү артыкчылыгың бар экен. Бул эркектигиң. Каршылашың аял киши экен. Кантсе да эркек деген эркек. Кармашса күчү да, акылынын тунуктугу да, туура чечим кабыл алышы да аялзатына караганда күчтүүлүк кылат.

Бир оор кемчилигиң бар экен. Бул да эркектигиң. Эркек аялга бат азгырылат. Аял эркекке караганда амалкөй келет. Миң түрлөп кубула алат. Байкуш болуудан, бүжүрөп калуудан, тим эле бул дүйнөдө сенден башка эркек көрбөгөнсүп, элжиреп эзилип сүйө кароодон намыстанбайт. Өз максатына жетиш үчүн аялдар өтө кара мүртөз келип, болгон айла-амалды бүт колдонот. Аялдар эркектерге караганда күнүмдүк жашоого чыдамдуу жана жөндөмдүү келгендиктен, дүйнөдө эркекке караганда сан жагынан көптүк кылышат.

Мына ушул айтылгандардан туура жыйынтык чыгар. Каршылашыңдын жүрөгүндө капкара уюган коргошун турат. Ал сенин каның төгүлсө гана ээрийт. Ушуну эсиңден чыгарба. Чечимди өзүң чыгарасың. Жүрөгүңдү ук. Бирок, акылдан шашпа.

Анан ордунан турду да өз бөлмөсүнөн куржун көтөрүп чыкты. Ичинен эки кылычты алып чыгып Шаанын астына койду. Үстүнө баягы кызыл тасма бел боону бүктөлгөн калыбында койду.

- Бул кылычтар ыйык кылычтар. Көзүңдүн карегиндей сакта. Жаныңа медер болот. Бул бел боону да көз карегиңдей сакта. Бөтөн көзгө көрсөтпө. Ыйык бел боо. Душманыңа жолугаарда күрмөңдүн ичинен ороп ал. Кармаш башталганда күрмөңдү чечип ыргытып жибер. Бул душманыңдын көзүн уялтат. Эми эң негизгисин берейин - деди да, койнунан ичке өрүлгөн кызыл, ак, сары, кара түстөгү алтын акак жибек жипке тагылган бармактай, тегерек тыйынга окшош, кызгылт алтындан жасалган медалөнду алып чыкты да:

- Кел мойнуңду тос. Бул талисман жаныңды коргойт. Мойнуңдан түшүрбө. Каршылашың оңой эмес. Мага келген белгилерге караганда, биртоп сырларды билет. Ал көзүңө беш, тогуз, он үч кыз болуп көрүнүп, баары жабылып качырышы мүмкүн. Ошондо ушул медалөнду кийимиңдин сыртына чыгарсаң нур чыгып, кайсынысы чыныгы душманың болсо ошонун жүрөк тушуна түшүп турат. Калгандарына күч коротпо. Ошол нур түшкөнү менен гана кармаш. Калгандары сөлөкөт, көлөкөлөр гана. Алар сага зыян кыла албайт. Эң негизгиси каршылашың өзүнө түшкөн нурду көрбөйт. Ушундан куулук кылып, мүмкүнчүлүгүңдү пайдалансаң болот.

Кемпир "дагы эмнени айтпай калдым" дегенсип көздөрүн жума ойлуу отуруп калды да:

- Кейпи, барын айтып бүттүм окшойт, - деди.

- Энеке мен издеген буюм бирөө эле эмес, экөө. Экинчиси жөнүндө бир нерсе айта аласызбы? Жок дегенде кайда экендиги тууралуу.

- Уулум, сен издеген буюмдар ушунчалык улуу касиетке ээ экен. Алар жөнүндө сөз болгондо эле жарык нур чыгып, эч нерсе көрүнбөй калат экен. Мен мындайга өмүрүмдө биринчи туш болушум. Эгер ушундай күчтүү касиети болбогондо, далай көзү ачыктар эчак эле тагдырын чечип, бириктирип коймок го. Билгеним ушул, - деди. Анан ордунан туруп Шаанын маңдайынан өптү. Шаа кемпирдин көзүнөн жаш тегерене түшкөнүн байкады.

Автобуска отуруп жатканда кемпир экөө коштошушту. Шаа кемпирдин сөөгү эле калган, бырышкан терилер баскан колунан өптү да:

- Кош энеке, балким иш бүтсө кайрылам, - деди үнүн пас чыгарып.

- Кош уулум, - деди да кемпир башка сөз сүйлөбөдү.

Ошол бүкчүйгөн калыбында, автобус бурулуштан көрүнбөй калгыча бир ордунда карап турду.

ххх

Шаа түз Хун Линин айлына жөнөгөн. Айылдагы Линин анча-мынча чарбачылыгын карамжылап жүргөн уйгур чал Хун Линин кызы келип, эки күн жүрүп кеткенин, "кайра" дагы бир жолу келип кетем" деп айтканынан башка эч нерсе дебеди. Шаа кайра шаарга барып иликтөөнү туура көрдү.

Шаардагы мейманканага келип орун алып жатып, аркасынан бирөөнүн теше тиктеп турганын сезди. Акырын, жердеги жүгүн көтөрүмүш болуп караса, европалыктарча чыкыя кийинген узун бойлуу (Бою Шааныкынча бар) чымыр денелүү, көздөрү бакыракай кыз тикчийе карап туруптур.

Жүрөгү "издегениң так ушул" деп шыбырады. Жатуучу бөлмөсүнүн ачкычын чөнтөгүнө салып жатып, "Бул мени аңдып жүрөбү?" деген ойго кетти. "Кандай кылсам, балким, ал кыз эместир. Жөн гана мени бирөөнө окшоштурган же жактырып калган кыздардан болсочу?" деген ойлор да келди. Ошентсе да мүмкүнчүлүктү колдон чыгарууга болбойт эле.

Ийиндегичи бар жол сумкасын колуна көтөрүп түз эле кызды көздөй бет алды.

Кыз мындайды күтпөсө керек. Кичине буйдала түштү да Шааны такыр байкамаксан болуп тетири карап туруп калды. Качып жөнөөгө болмок эмес. Шаа басып келди да:

- Саламатсызбы, Америкадан качан келдиңиз? - деди.

Кыз көздөрүн бакырайта, таптакыр таң калган адамча Шааны тиктеп турду да;

- Сиз мени кимдир бирөөгө окшоштуруп жатасыз го? - деди.

Шаа кыздын анткорсуп калганын даана туйгандыктан, өзүнө-өзү бекемирээк ишенип калган.

- Мен сизди жакшы тааныйм. Сиздин сүрөттөрүңүздү көргөм. Ал түгүл агаларыңыздан видеофильмдериңизди да көргөм, - деди кебелбей. Чынында ойдон чыгарып видеофильм тууралуу ашыгыраак айтып койду. Сүрөттөрүн көргөнү чын.

- Анан да сиздин мойнуңуздагы меңдей, сулуу меңдер бардык эле кыздарда боло бербейт, - деп кошумчалады. Меңди да азыр көрүп айтып жатканы, кыздын кулагынын астында кара меңи бар экен.

Кыздын өңүнө кичине кызыл жүгүрө түштү. Кейпи "танган менен пайда жок" -деди окшойт.

- Болуптур, мен Фай Лимин. Эмне демекчисиз?, - деди кайра Шааны сынай тиктеп.

- Сиз экөөбүз сүйлөшө турган сөздөр көп. Аны сиз да билесиз. Ошондуктан мени аңдып, вокзалдан бери мейманканага чейин узатып келдиңиз, - деди Шаа кебелбей.

Чындыгында эле ошондой болгон. Кыз айылдагы уйгур чалга "ким мени издеп келсе токтоосуз мага билдиресиң," - деп телефон калтырган. Бүгүн чал телефон кагып, Шааны кийминен бери сүрөттөп, кайсыл автобуска түшкөнүнөн бери айтып берген.

Кыз жооп айта албай буйдала түштү.

- Жүрүңүз, тигиндей барып кичине отуруп сүйлөшөлү, - деди да Шаа арыта турган мейманкананын фойесиндеги диван креслолор жакка басты. Кыз да үнсүз, Шааны жандай жөнөдү.

Экөө бет маңдай отурушкандан кийин бири-бирин сынай, тиктеше түшүштү. Экөө тең сөздү эмнеден баштоону билбей турушту. Экөөнүн тең жүрөктөрү бир башкача лакылдап чыкты. Кекиртектерине бирдеме тыгылгансып араң дем ала, денелери ысый баштады. Муну ар кимиси өзүнчө түшүнүп, ичтеринен "Бул менин көзүмдү байлап, гипноздук таасир берип жатат" деп ойлоп жатышты. Экөө тең бирдей деңгээлде кыйналып жатышканын түшүнбөй, кыжырлануу сезимдери пайда боло баштады. Өзүн-өзү араң кармаган Шаа;

- Билесиңби, Фай Ли экөөбүздүкүндөй жай жолугушуу балким акыркы миң жылдыкта биринчи жолу болуп жатышы мүмкүн. Ошондуктан, колдон келишинче акылга салып сүйлөшөлү, - деди.

Кыз демигип, кыйнала баштаганын канчалык билгизбейин деген менен да дем алышы оорлоп бараткан.

- Экөөбүз бул жерден сүйлөшө албайт окшойбуз. Сен эки күндөн кийин, биздин айылдын үстүндөгү эски, кулаган монастырга кел. Ошол жерден жай сүйлөшөлү, - деди кыз.

"Азыр кетип калбасам бул мени өзүнө баш ийдирип, таптакыр эс-учуман айрып коюшу мүмкүн" деп ойлой баштаган. Жооп күтпөстөн эле ордунан шарт турду да, эшикке бет алды. "Жыгылып түшпөйүн" деп чымыркана кадам шилтеп баратты.

Эшикке чыкканда, суудан чыккан балыкча таза абадан кере-кере жутту. Айлана бозоруп, тумандай түшкөн көзү ачылып, үстүнөн баскан оор жүк түшкөндөй жеңилдей түштү.

"Жөн эле сүйлөшүп отургандагы гипноздук таасири ушунча болду, кармашсак кандай болот?" деп кыздын жүрөгү болкулдап баратты.

Ордунда отурган калыбында кала берген Шаа да, кыз кеткенден кийин кичине убакыт өткөрүп араң эс алды.

"Бул кыз укмуш го. Кейпи, мага "гипноздук таасир бере албай койдум" деп кетип калды окшойт. Дагы он-он беш мүнөт отурганда менде сүйлөөгө дарман калбайт эле" - деп ойлоду.

Экөөнө тең бирдей күчтүү таасир берген касиет, сырдуу күч, чындыгында кайдан келгенин экөө тең билишпеди. "Улуу сырдын" кылымдан кылым аттап, биригип ачылбай келатканынын түйүнү балким ушундадыр.

Биле да алышмак эмес. Анткени, экөөнүн тең жүрөгүндө бири-биринен шек сактоо, карама-каршылык, тирешүү турган. Так ушул урук балким китеп экиге бөлүнгөндө ташталып, адамдагы адамдык "улуу дүйнөнү" экиге ажыраткандыр. Экиге ажыраганда да так ушундай жан чыдагыс кыйналуу болгондур. Эми бул бир адамзаттын өмүрүндөгү кылымдан-кылым артып келаткан табышмак го.

Кызга жолукса эле "Бас бул жакка" деп астына салып айдап алып, каалаганына жетчүдөй болгон Шаа "Токто, сөздү бүгүн эле бүтүрөбүз. Эч жакка кетпейсиң. Сени табам деп бекер жер кезип жүрүмтүрмүнбү. Ушул бойдон куйругуңду түйсөң, дагы кайдан тапмак элем" дегенге жарабады. Үн чыгарууга алы келбей ордунда кала берди.

Ушунун баарын ой учугунан сыдырып өткөн сайын астындагы жолугушуудан заарканып турду. Эки ойдо жанчылды. Ал түгүл, "жолугушууга барбай, качып жөнөсөм кантет?" деген азгырыкка да алдырып, кайра өзүн токтотот, "Улуу сырдын" бир учугу менде турганда өлтүрүшпөйт. Бирок, колго түшүрүп алып, адам чыдагыс кыйноого салуулары толук мүмкүн. "Эгер колго түшүп кала турган болсом, коө бербесеңер өзүмдү өзүм өлтүрөм деймби?.." Түрлүү ой учугуна жетеленет. Күн сайын отуруп алып Теңирге сыйына баштады. "Эртең жолго чыгам" деген күнү Кадыр атасы түшүнө кирди. Тим эле өңүндөгүдөй маңдайына келип чөгөлөй отурду да "Уулум, эртең сен үчүн оор күн. Ошондо да чыда. Жеңүүгө аракет кыл. Өзүңдү карма.Акылыңдан шашпа, ар бир кадамыңа аяр бол. Айыл үстүндөгү бузулган монастырга барбай, жолугушууга башка жерди белгилесең болмок. Эми кеч болуп калды. Кыз сени ошол гана жерден күтөт. Дагы бир эскертейин, кыз монастырдын урандыларын аралай качып сени ортосуна азгырат. Колдон келишинче четкерээк жагында болууга аракеттен. Кыз сени ал жакка чакырганынын себеби, өткөн ата-бабаларынын арбактары бүт ошол жерде. Алардын колдоосуна таянмакчы. Мен колумдан келишинче жаныңда болуп көмөктөшөм" - деди да жок болуп кетти.

Шаа ойгонуп кетип Кадыр атасы менен "өңүмдө сүйлөштүмбү же түшүмдө сүйлөштүмбү?" деп айрып биле албай дендароо болуп жатты. Анан кытай кемпир эсине түштү.

"Аз күн чогуу жашасак да тууган энемдей болуп калды. Мынчалык эч ким жүрөгүмө жакын болгон жок эле. Эртең кыз менен жумушум бүтсө кайра бир барып, кабарын алышым керек" деп койду.

ххх

Күн нурлары тоо баштарынан жаңы чачыраганда Шаа кыз айткан эски монастырга келди. Ийиндегичи менен асынган жол сумкасынан баягы кытай кемпир берген буюмдарды алып чыгып беттешүүгө даярдана баштады. Күрмөсүн чечип салды да, бел боону үч каттап белине ороду. Артына кылычтарды тагынды. Баары даяр болду дегенден кийин түрлүү кыймылдарды жасап, керилип чоюлду да кызды күтө баштады. Шаа "кыз али келелек болсо керек" деп ойлогон. Чындыгында кыз түндө так ушул монастырдын урандыларынын арасында түнөгөн. Таң сөгүлө ойгонуп, ал да беттешүүгө даярданып, бир башкача кийинген. Үстүндө таза кытай жибегинен тигилген мала сары шым, көйнөк кийип, артына эки кылыч байланып, анын үстүнөн жука жибектен тигилген мала кызыл халат кийген. Халаты "элп" эткен желге да "желп" этип жайылып, толкуп үлбүрөйт.

Монастырдын так ортосунда жерге орнотулган кара мрамор ташка чегилип жасалган Будданын келбети бар болчу. Кыз ошонун астында күн көтөрүлгүчө чөгөлөп отурду. Чачын эки мүйүздөй кылып түйүп туруп, ар бир жагына кынга кийгизилген, болоттон жасалган ичке, жебеге окшогон, узундугу карышча бычактарды үчтөн сайып койгон. Билегиндеги чыканака чейинки билек каптарда да түрлүү ыргытуучу куралдар лезвиядай курч жылдызчалар, ийнелер тагылган. Мунун баары тээ байыртадан кытай элиндеги чыгыш-мушташында колдонулуучу куралдар. Бутунда жеңил териден чыкыйта тигилген операнын балериналарыныкына окшоп кеткен өтүк.

Кыз күн аркан бою көтөрүлгүчө чөгөлөгөн калыбында отурду. Анан бир кезде кимдир бирөө ордунан алаканга салып көтөргөнсүп каалгый көтөрүлүп турду да учуп бараткансып, ортодогу чакан аятчаны каалгый тегеренип чыкты да, кайрадан ортосуна келип каккан казыктай түптүз болуп буттарынын учунда туруп калды. Чимирилип-чимирилип кетип "шпагат" отура кайра Буддага жүгүндү.

Урандыларды аралап алаксый түшкөн Шаа күтүүсүз бирөө түртүп ийгенсип ордунан чимирик ата үч кадамча артка секиргенде, эки бычак көз ирмемче мурда турган ордуна шуу-шуу сайылды. Кылак деген кыздын жеңил кызыл халаты урандылардын арасынан бир көрүнүп жок болду.

Кыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп убакыт коротпой түз эрегишке чыкканын түшүнгөн Шаа илбирстей сак болуп калды.

Кадыр атасынын "монастырдын ортосуна барба, чет жагындагы аянтчаларда беттеш" дегени эске түшүп, чимириле секирип четтеги түз, кенен аянтчага өттү. Эми ураган монастырлар бет маңдайында, арты ачык. Коргонууга жеңил болуп калды.

Кызгылт халаты желбиреп, үзүктөй жайылган кыз урандылардын кырынан көз ирмем пайда боло калды да кулакты жара ачуу чаңырып учуп келип, Шаанын астында беш кадамча жер менен жер боло, бүрүшүп отуруп калды.

Экөө бир мезгилде кылычтарын сууруп алышты да, бири-бирине шилтеп калышты. Көзгө илээшпей шилтенген кылычтардын миздери бири-бирине тийгенде чартылдаган учкундар туш тарапка чачырап жатты.

Кыздын жибек халаты жөн халат эмес экенин Шаа бат эле билди. Кыз болсо улам халатын Шаага орой ыргытып айланат. Шаа халатты кылычтары менен "барча-барча үзүп, чаап салайын" десе, халат кылыч тийгенде булуттай гана кылычтын мизинде айланып, кесилбей чыгып кетет. Кыз улам артка секирип, Шааны монастырдын ортосу жакка алып баратты. Шаа буга чейин мындай сулуу кызды көрбөгөндүр, бетинин жамалындагы нур албыра жанып, көздөрү жайнайт. Жука, жибектен чыпыйта тигилген кийим, бар мүчөсүн келиштирип, көкүрөгү кош алмадай тикчийип, үрптөрү жибекти тирейт. Өзүнүн да өңүндө душманы менен урушуп жаткандай жек көрүү, кыжырдануу жок. Сүйгөнү менен тамашалашып, эркелеп ойноп жаткансып, ууртунда күлкү төгүлүп, элжирей карайт. Чабуул койгондо гана ачуу чаңыра, кичине кабагы түйүлө түшөт.

Шаа өзүнүн чын урушуп жатканына деле көп ишенбей, негизинен коргонуп жатты. Оюнда "сүйлөшүп сөзгө келсек" деген менен тынымсыз чабуул койгон кыз сөз айтууга мүмкүндүк бербеди. Барган сайын Шаа кыздын өлтүрүүгө эмес, колу-бутун үзө чабууга аракет кылып жатканын туя баштады. Алгачкы кызуу беттешүүлөр өтүп, экөө тең терге чөмүлө демиге башташты. Эми ар бир кыймылдарын эсептеп, бекер күч коротпошко өтүштү. Кыздын шамдагайлыгы, чыгыш күрөшүн укмуштай чебер билгени Шааны сак болууга түрттү. Бир нече жолу аз жерден кыздын кылычына илинип кала жаздады. Москвада окуп жүргөнүндө, чыгыш күрөшүнүн чеберинен машыгып жүргөндө, беш жыл бою жалаң кылыч, бычак, таяк, шалк этмелер менен чабышуу ыктарын өздөштүргөн эле. Кылыч чабышууну Кадыр атасы да үйрөткөн. Бирок, жыгачтан жасалган кылычтарга кейип, "чыныгы болот темирдин сүрү башкача болот. Жыгач кылыч менен үйрөнгөнүң иш эмес" деп калчу. Эмнеси болсо да Кадыр атасынын, Москвадагы чыныгы самурай машыктыруучусунун эмгектери текке кетпептир, барган сайын чарчап, алы кетиштин ордуна айрым унуткарган ыкмалар эске түшүп, кылычы чагылгандай чыртылдай аба тилет. Кейпи, болот ысып чыкты окшойт, алакандын ысыганы күчөп баратты.

Шаага кылычынын учтары ал түгүл чоктой кызаргансып көрүнө баштады. Баягы кемпир уктатканда жарганаттардан коргонуп Кадыр атасы шилтегендей ыкма, менен жыланча ышкыра шилтеп өткөндө, кыздын колундагы эки кылыч тең ортолорунан чырпыктай чырт-чырт кесилип түштү.

Халатын орой ыргыткан кыз качып, урандылардын үстүнө чыга качты. Шаа халатты кылычы менен тиле-тиле чаап бошонгуча кыз кутулду. Эгер халат болбогондо, кыз азыр мойнуна кылыч такалып, чөгөлөп отурмак эле.

Шаа кыздын артынан секирди. Кармаштын кызуусу менен улам монастырдын ортосундагы аянтчага жакындап баратканын элес албады. Кадыр атасынын "Уулум" деген добушу алыстан угулгансыды. "И-и колдоп жанымда жүргөн экен" деп койду. Шаа кылычтарды шарт кынына сала, кызды издеп, аяр алдыга басты. Кыз кайра да ачуу чаңыра секирип чыгып, эми жылдызчаларды шуулдатып биринин артынан бирин ыргытып кирди.

Шаа ордунан чимириле белиндеги белбоосун чечип алды да, жылдызчалардан белбоо менен коргоно баштады. Кыз ыргыткан жылдызчалар менен ийнелер белбоого шыгырап сайылды. Бири да тилип өтө алган жок.

Силкип түшүрүп алды да, белбоосун кайра белине шарт ороп байлады. Колдорун эки жакка каркыранын канатындай жайган кыз кайра чабулга өттү.

Көзгө илээшпей чимирилген кыз таштан чегилген Будданын астына барып туруп калды. Эмнегедир кулактары дүңгүрөй түшкөнсүдү. "Гипноздук аракетин баштады окшойт", - деп ойлоду Шаа. Мойнундагы тумар медалөнун кийиминин сыртына чыгарды эле, кичине кулагынын дүңгүрөгөнү басаңдай түштү.

Кыз көз көрүнөө көбөйө баштады. Анын артынан кызга куюп койгондой окшош төрт кыз чыкты. Эми Шааны беш кыз айланып, тегерене басышты. Өмүр менен өлүмдүн айкашкан чегине жеткенин жүрөгү туйган Шаа жаалдана баштады. Буттарын бириктире калып, жерге опера бийчилериндей буттарынын учу менен гана таканчыктай, денесин созо ийреңдей колдорун көтөргөндө, "кобра" жыланга окшой түштү. Жыландын ышкырыгындай добуш карышкан тиштеринен сыбызгый чыгып, өзү ордунда куюндай чимирилип барып, сыбызгыган тири укмуш үн чыгара, шак секире аянтчанын ортосунан четине чыгып кетти.

Кыздар кайра биригип бирөө болуп калды. Шаа монастырдын ортосундагы аянтка Кадыр атасы "барба" деген жерге түшкөнүн билди. "Кайра артка качып четке чыксамбы?" деген ой турса да, жигиттин намысы жар бербеди. "Кантип кыздан качам?" деп тартынды. Анын үстүнө кыздын үстүнөн болгон бир жеңиш эрдемсинтип да койду.

Кыз да жигитке көздөрүн жайната карап, каркырача керилип колдорун жая, бутунун учтары менен айлана басты. Көпкө созуп отурбай кыздын бел омурткасын мертинте муштап колго түшүрүүнү көздөгөн Шаа качырып сала берди. Шилтеген соккуларынын бири да кызга тийбеди. Экөө абада каалгый түшүп да, жерде томолонуп кетип да, колдор менен да, буттар менен да бирин-бири мерчемдүү жерге урууга аракеттенип жатышты.

Ачуу чаңыра чимириле секирген кыз кайрадан Будданын астына туруп калды. Кайта көбөйүп кетти. Эми беш кыз беш жактан чабуул койду. Шаа алгач баарынан коргонуп жатты, анан кытай кемпирдин айтканы эсине түшө калды. Кайсыл кыздын көкүрөгүндө медалендун нуру бар экенин издей баштады. Улам арт жагына өткөн кыздын көкүрөгүндө гана чын эле медалөнго окшогон кызгылт сары нур жаркылдап жүрдү. Кыз кызгылт сары түстө кийинип алгандыктан муну араң-араң байкады.

Айлана чимирилген кыздардан анын артка өтүүсүнө атайлап эле шарт түзүп, астындагыларга алаксымыш болуп куулана баштаган менен бир секунд да аны байкоосунан чыгарган жок.

Кыздар дагы ачуу чаңыра чабуулга өтүштү. Шаа "шак" далысы менен жерге жата калды да артынан секирип келаткан кызды бутунун томугуна тээп калууга үлгүрдү. Кыз бутуна оңдуу тура албай, үч-төрт аласалып кетти. Соккунун даана тийгенине толук ишенбесе да, Шаа кызды биртоп жабыркатканына көзү жетти.

Тегеректегендер жок болуп кетип, бир бутуна оңдуу тура албай, аягын сүйрөгөн кыз көздөрүн жашылданта туруп калды. Шаа "эми жакшы сүйлөшөбүз го", - деп ойлоду. Кыз будданын келбетине сүйөнө айлана качты. Эмнегедир Шаанын кулактары кайрадан дүңгүрөй баштады. Жер айлангөчөк атып башы жарылып барат. Кандай болуп кетти. Эки кулагын алакандары менен баса калды. Көздөрү тумандай түштү. Будданын келбетинин артынан чокчо ак сакалы бар, чачы аппак чал чыгып келди да, узун кылыч менен качырып сала берди.

Шаа эки кылычын араң сууруп алууга үлгүрдү. Шуу-шуу шилтенген кылычтан араң коргонуп жатып "Ата... Кадыр ата... атаке" деп чырылдап жиберди. Чагылган чартылдагандай добуш чыгып нур түштү да, Кадыр атасы пайда болду. Жыландын ышкырыгындай добуш чыгара, тигил чал экөө кармаша башташты.

Дендароо болуп өзүнө келе албаган Шаа "Кыз кача электе кармайын" деп ойлой, Будданын келбетинин артына айланды. Кыз жок экен. Арытадагы урандыларды аралай чуркады, кыз эч жерде жок. Монастырга келчү жол тарапка жүгүрдү. Монастырдын урандысынын арасынан чыккандан кийин кулагынын дүңгүрөгөнү басыла түшүп, жерге шалак отура кетти. Кыз эч жерден көрүнбөдү. Көпкө отура албады. Кайра артка бурулуп, эмелеки ортоңку аянт жакка жүгүрдү. Айлана мемиреген тынчтык. Жанагы ак чач кытай чал да, Кадыр атасы да көрүнбөйт. "Өңүмбү, түшүмбү, менин акыл эсим ордундабы?" - деп башын мыжый жерге отура калды. Акыл-эси ордунда эле өңдөнөт. Кайра бүт урандыларды аралай чуркап кызды издеди. Жер жутуп кеткенсип дайынсыз.

Күн батып күүгүм киргиче, монастырдын урандыларынын кычык жерин калтырбай тинтип чыкты. Кыз булут болуп абага сиңип кеткенсип эч жерде жок. Акыры, үмүтү үзүлгөндө айылга жүгүрдү. Кызды айылдан да эч ким көрбөптүр. Ошентип, кыз жиги билинбей жоголду.

Чындыгында кыз ураган монастырда кала берген. Будданын келбетинин артында оозу таш капкак менен жылдырылып жабылган, жер алдына түшкөн жол бар болчу.

Кыз тизесинин томугу чыгып кеткенде эле, эптеп ошол жерге жетүүнү көздөдү. Шаанын көзүн жазгырып, көрүнбөй кире качуу керек болчу. Болбосо, бир буту менен Шаага туруштук бере алмак эмес. Шаа экинчи бутунун томугун да чыгара тепмек да, жөрмөлөтүп коймок. Андан соң каалашынча кыйнай бермек.

Кыз өзү да күтпөгөндөй окуя болду. Мезгилинде "чыгыш күрөшүнүн атактуу чебери болгон" деп сүрөтүн көрүп жүрчү чоң атасы пайда болду. Кулактары дүңгүрөп, жер айлан-көчөк атып, эси ооп баратканда "Кызым жашын" деген сөз кулагына угулду. Эптеп жер астына түшчү жолго жетти да, өзү кирген соң ташты жылдырып оозун жапты. Анан өзүн жоготуп, эси ооп калыптыр. Түшүндө өз атасы, чоң атасы, энеси болуп "Ай кызым, ай кызым" дешип бутун дарылап жатышкан экен. Канча жатканы белгисиз ойгонсо, бутунун ооруганы басаңдап калыптыр. Чоң атасынын "кызым, томугуңду момундай кармап туруп бармагың менен сүйөй, экинчи колуң менен катуу урсаң ордуна келет", - дегени эсине түштү да, так чоң атасы айткандай жасады.

Тим эле денесин ток ургандай катуу ооруду да, кайра жаны жай ала түштү. Чыккан томугу ордуна келгенин билди.

Бул жай өзүнчө эле жер астындагы бир бөлмө үй болчу. Түндө кыз ушул жерге түнөгөн. Китеп да ушул бөлмөнүн таш дубалына катылган. Жыгач үкөктө түрлүү, жанды жай алдырчу дарылар, мумиөлор бар болчу. Сылтый баскан кыз керектүү дарылардан ичти да, сереге барып чарчаган денесин жая талыкшый үргүлөдү. Бул жайды азыр кыз гана билет. Башка жан билбейт. Сыртынан оозун ачуу мүмкүн эмес. Таш эшиктин сырын билген кишилер гана ача алат. Болбосо, он киши биригип да, түртүп же оодарып ачуу мүмкүн эмес. Ошондуктан бейкам уйкуга кетти.

ххх

Көз алдындагы кызды күтүүсүз жоготуп жибергенге, акыркы күндөрдө түшүнө арбактар көп кирип, ал түгүл эски монастырдан көзүнө кадимкидей көрүнгөнгө Шаа мурдакыдай болбой, бул китепте кандайдыр бир сырлуу күчтөрдүн да байланышы бар экенине, андай тышкы сырдуу күчтөрдү жеңүүнүн жолдорун да үйрөнүшү керек экенине ишенип калды.

Чындыгында Шаа кудайга ичинен ишенген сезими болгону менен динчил эмес болчу. "Арбак, адам акылы жетпеген сырдуу күчтөр" дегенге көп деле ишене берчү эмес.

Монастырдагы жолугушуу таптакыр шаабайын суутту. Эгер кыздын көз алдында бир нечеге көбөйүп кеткен, кайра такыр жок боло алган касиеттери бар болсо, кармап калууга такыр мүмкүн эмес го. Мейманканада уйкусу качып көз ирмей албай жаткан түндөрдө мына ушуларды ойлоп башы катты.

"Эмне үчүн Хун Лиге жолукканда мындай сыйкырдуу таасирлерге жолуккан жокмун?" деген суроо да жоопсуз турду.

Хун Ли ден-соолугу начарлап ооруй баштаганда кызын чакырып, китептеги болгон касиеттерди, сырларды бүт түшүндүрүп айтып тапшырганда, сыйкырдуу касиеттер кызга өтүп кеткен. Муну Шаа түшүнө албайт болчу.

Кызды таба албасына көзү жетти. Эми кандай кылат? Акыл сураар киши таппады. Ошондо баягы кытай кемпир эсине түштү. "Кой, ошол энеге барып акыл сурайын. Кыздын кайда, кантип жоголгонун балким билсе ошол кемпир билет" деп чечти.

ххх

Кыз бир жума монастырдагы бөлмөдөн чыккан жок. Күн сайын көнүгүүлөрдү жасап өзүнүн ден-соолугун тазалап, калыбына келтирүү менен алектенди. Бир жумада барып буту кадимкидей калыбына келди.

"Шааны кайра издеп чыксамбы?" деп нечен тап койгон менен батынбады. Анын үстүнө түшүнө чоң атасы кирип "Али сен аны менен беттешүүгө даяр эмес экенсиң. Дагы даярдан. Учуруңду күт" деп айтып жатыптыр.

Шаанын эң сейрек кездешчү чыгыш күрөшүнүн сырларын билгенине таңданды. Анын кытай эмес экенин, башка улуттун өкүлү экенин билип турду. Атасы китептин изи "кыргыз" деген элге барып жоголгонун айткан. Америкада жүргөндө кыргыздар жөнүндө изилдеп чыккан эле. Аларда чыгыш күрөшүнүн спорттук түрү менен машыккандар акыркы жалдарда болгону менен, атадан балага мураска өтүүчү, сейрек кездешүүчү сырлары такыр жогун окуган.

Шааны көргөндө эле билди, мыкты спорттук даярдыгы бар экенин. Чымыр денеси, карапайым адамдарча таманын жерге толук таштап балпактап баспай, бутунун учу менен жеңил кадам шилтеши. Аярлыгы. Бирөө аркасынан карап турганынан бери биле алган сезимталдыгы көп нерсени туюнткан. Анын үстүнө атасынын үйүнүн да жөн өрттөнбөгөнүн билген. Атасы оорулуу болгон күндө да, анча-мынчаларга оңой менен моюн суна калбай турган чеберлерден болчу.

Мына ушунун баары сак болууга түрткөн менен мынчалык каршылыкка учурайм деген эмес. Дагы жакшы, аялдык сезимталдыгы менен эмнегедир астыдагы кармаштан жүрөксүп, жер астына кирчү жолду өзү баткыдай кылып астына ала кичине ачып коюптур.

Түрлүү амалдарды ойлоп жатты. Балким жолугуп, "Жеңилдим, баатыр экенсиң. Сени сүйүп калдым, баш кошолу да китепти бириктирели" деп жароокерленип ишенимине кирип, анан китеп колго тийгенде жайлап таштаса кантет.

Мынчалык тыкан даярдыгы бар Шаа ошондой жөнөкөй алдоого эле түшө калабы? Жок. Китеп колуна тиери менен гипноздук таасир менен болсо да башын айлантып, жарым эс кылып таштасачы. "Эмнеси болсо да кайра кездешкенге чейин миң түркүн амал ойлоп, даярданышым керек" деп чечти.

Кыз кийинки жумада окуусун улантыш үчүн Америкага учуп кетти. Шаа менен кайрылып качан жолугаары белгисиз бойдон калды.

ххх

Шаа айылга келсе, кемпир өлүп калыптыр. Үйүн анча-мынча жандыгы, мүлкү менен кошуп, баягы аракты жакшы көргөн чалга калтырыптыр. Ал аракечтин өз үйү кароосуздан урап, киши жашоого мүмкүн болбой калган экен.

Кемпирдин өлгөнүнө Шаа эң жакын адамынан айрылгандай кейиди. Мүрзөсүнө барып "Кош энеке, энемдей болуп калдың эле" деп көзүнөн жаш мончоктоп ыйлады. Коюлган жерин көрсөткөнү аракеч чал кошо келген. Кайра кетүүгө камынышканда:

- Энең сенин кайрылып келээриңди билген эле. Менден бир ооз суранган. "Мынабул жол сырлуу үңкүргө алып бараарын айтып кой деп" деди да ордунан туруп башка сөз айтпай, бөкчөңдөй басып кете берди.

Энесине кайгырып ою чачкын болуп жатып, баягы укмуштуу үңкүр, андагы касиеттүүлөрдүн касиеттүүсү, улуктун улугу болгон лама жөнүндөгү легенда эсинен чыгып кеткен экен.

Азыр кайра эсине түштү. "Кантсем, барып көрсөмбү?" деген кызыгуусу жеңип кетти да, кармашка даярдангансып жол сумкасынан баягы кемпир берген белбоону үч имере белине байлап аркасына кылычтарын асынып, күрмөсү менен жол сумкасын энесинин мүрзөсүнүн жанына калтырып, жолдун таманына отурду да, Кудайга, арбактарга сыйынды.

Кулагына дүңгүрөгөн калың кол келаткансыган добуштар угулуп барып токтоду. Энесинин "Ак жол уулум. Теңирим өзү колдосун. Тартынбай ыйыктардын ыйыгына барып көр. Калганын тагдырыңдан көрөөрсүң" деген үнү кулагына угулгансыды. "Эмнеси болсо да көрөйүн" деп тасма жолго кадам таштады.

ххх

"Рыжый Болоттун" иши Азият менен тирешип калгандан бери кыйшаңдай баштады. Кичине эле жаза баскан жигиттери биринин артынан бири колго түшүп, органдын шимшүүрлөрү артынан сая кууп алды. Бир нече жолу эмгеги өтүп чет өлкөдөгү банктардан акча "жуушка" жардамдашкандарга телефон чалып, жолугууга аракеттенгенинен майнап чыкпай, баары сүйлөшүп алышкасып сыртын салып калыптыр.

Туура, заман өзгөрө баштады. Муну "Рыжый" деле көрүп турат. Көзү анчалык сокурлардан эмес. Баягыдай отко-сууга салсаң да кайра тартпаган жаш жигиттерди "азаматсың" деп далыга таптап түртүп коюп, рэкеттик менен чөнтөк толтурчу мезгил өттү. Өзгөчө тоодой жөлөк болуп туруучу Америкадагы "Самурай" кармалып, кесилип кеткенден бери ого бетер кадыры түшүп калды.

- Ак жакачандардын короосуна таш ыргытпаш керек эле. Алардын аймагынан алыс жүрүш керек эле. Эх, эми кеч болуп калды, - деп үнүн чыгара сөгүнүп-сөгүнүп алды да, адатынча ордунан ыргып туруп, бөлмөнүн ичинде ары-бери баса баштады. Кечөө негизги күчү болгон чоң базарды кармап "взнос" алып турган жигиттери бүт группасы менен кармалып, камалды. Эки-үч жерге телефон чалып ишти жеңилдетип башчыларын куткарып алып, майда-чүйдө "шестеркаларды" калтырганга аракеттенди эле болбоду.

Кармалгандардын арасында көп кандуу иштерге чалынгандары да бар. Менттер ар бирин өзүнчө "эзип иштеп чыкканда" эле ачыла баштайт. Жиптин учугу болсо чубалып отуруп "Рыжыйга" такалат. "Рыжыйды" ала коюш кыйын. Ошондо да сак болгону оң. Тигине, кол жеткис болду, - деп Америкада жүргөн "Самурайга" деле "татынакай ишти" тагып туруп кармап коюшпадыбы. Азыр ар бир баскан изине сак болбосо, негизи чет өлкөгө куйрукту түйүп жылт койбосо болбой калды окшойт.

Ары-бери бөлмө ичинде басып жатып "Рыжый" ушуларды ойлоду. Азиятты кантсе. Чет өлкөгө кете берүүгө мүмкүнчүлүктү эчак түзүп койгон. Бир кезде "баланданы" нечен чогуу ичишкен досу Италияда чиренип турган кези. Четтеги үч банкта жетишээрлик акчасы жатат. Жөн эле качып кетеби. "Рыжый" бирөөгө өчүгүп калса, "таза сүйлөшмөйүн" өмүрү качып көргөн эмес.

Кайра креслосуна келип отурду да "Сөзсүз сүйлөшүүм керек!" деп алакандарын чаап туруп, ушалап-ушалап койду.

ххх

Азият кызуу уйкуда жатса да кимдир бирөөнүн тикирейип тиктеп турганын туйду. Али толук ойгоно элек жатып "кандай аракет жасасам" деп ойлоно баштады. Дайыма жаздыгынын астына коюп жүргөн пистолетине кантип жетсе экен. Уйкусурамыш болуп оодарылып көрөбү.

Эч нерсенин жигин билгизбегенге аракеттенип, бир калыпта дем алуусун улантып, уктап жатып оодарылгансып оодарыла кетти да, жаздык астына кол сунду.

- Издебей эле кой, ал жакта эч нерсе жок. Сага окшогон жылан жөн жай жатпасын кантип эле билбей калайын, - деген киркирегирээк, кекерлүү үн чыкты.

Эчак ойгоо жаткан адамча башын көтөрүп жаздыктарды кабаттай аркасына жөлөй койду да:

- Келипсиң мейман. Эмне кеп-сөзүң бар, сүйлөй бер. Кулак сенде, - деди да дивандын этегиндеги жумшак креслодо чалкалай отурган капкара кийимчен, чакан бойлуу адамды жакшылап кароого аракеттенди.

Бөлмө ичи күңүрт жарык болуп, стол лампасынын жарыгы Азият тарапка багытталып тургандыктан тигинин жүзү жакшы көрүнгөн жок.

- Келдик. Сүйлөшөлү деген жай сөзгө көнбөй тескери кыймыл жасайсың. Анан күтүүсүз мейман болуп келишке туура келди.

- И-им. "Рыжый Болотмун" де. Эх, "Рыжый... Рыжый..." Акыры ушундай ишке да бармак экенсиң да. Кол созуп дивандын баш жагындагы жанына коюлган тумбанын үстүндө жаткан сигаретти ширенкеси менен алды да тутантып, эки-үч жолу кере-кере соруп үйлөдү.

- Баралбайт, - деп ойлодуң беле?

- Ким билет. Балким сени баалай билген эместирмин. Мен туруп кийинейин. Экөөбүз тигил коңшу бөлмөгө чыгып эркектерче шашпай сүйлөшпөйлүбү?

- Азият мени жаш бала ойлоп турасыңбы? Эркектерче эби келсе көрдө деле сүйлөшө берсе болот. Анан калса экөөбүздүн сүйлөшөөр сөзүбүз деле жок. Аны өзүң деле жакшы билесиң.

- И-им, түшүндүм "Рыжый". А сен ушул жерден тирүү чыгаарыңа ишенесиңби?

- Азият мен сени башкача баалачу элем. Көрсө, катардагы эле бир байкуш окшойсуң. Эгер мен тирүү кирип, сенин маңдайыңда отурсам демек, кайра тирүү да чыга алам да.

- Аның туура. Бирок, сен мени менен учурашып койгонго эле келген жоксуң да. Туурабы?

- Туура.

- Демек, сенин сурооңду канааттандырыш үчүн мен ордумдан туруп коңшу бөлмөгө өтүшүм керек. Анан аны ачышым керек. Ал жерде сейф деген бар, аны да ачууга туура келет. Бөлмө ачылганда да, сейф ачылганда да "сигнализация" деген иштейт. Төмөндөгү кайтаруучулар эле эмес, коңшу үйдө эс алып жаткан кайтаруучулар да ойгонот. Жашыруун телекамералар иштеп, экөөбүздү көрүшөт. Анан кантип кутулам дейсиң?

- Да-а... оңой жылан эмессиң. "Рыжый" чындап ойлонуп калды.

- Кинолордогудай менин кежигеме пистолет такап "жетелеп алып чыгып кетем" деп ойлобой эле кой. Снайперлер артыңда да астыңда да болот.

- Демек, "Бриллиант жыланды" алууга такыр жол жок дечи. Анда кур кетпей, жок дегенде бир душмандын, болгондо да эң чоң душмандын көзүн тазалап кетишке туура келет.

"Рыжый" башына глушитель тагылган пистолетти көтөргөндө Азияттын денеси дүр дей түштү. Өмүрүндө биринчи жолу ажал менен бетме-бет турушу.

Пистолеттин үңкүрөйгөн оозун тиктей албай, муундары калчылдап, ал түгүл сүйлөөгө сөз да таппай калды. Ажал мурда да нечен тооруган, бирок, мынчалык бетме-бет келген эмес.

- "Бриллиант жылан...", "Бриллиант жылан" мага чейин да нечендердин башын жуткан экен, эми мени да жута турган болуп калды көрүнөт. Эмне дейбиз, тагдырга көнөбүз да, - оор үшкүрүп алды, - эң кызыгы азыр "Бриллиант жылан" менин колумда эместигинде.

Буга ишенсең койсоң өзүң бил. Баары бир менин күнүм бүтүп, ичээр суум чегине жетип турат. Сен менден ал оңбогон жыланды алганда да өлтүрмөксүң, албай кетсең да өлтүрөсүң. Башка жолуң жок. Болгону өлөөр астымда чындыкты айтайын деп жатам. Мен сенден жан соога сурап бүжүрөп бутуңду да кучактабайм. Ичээримди ичтим, жээримди жедим. Бул жашоодо арманы жок чардадым. Ошол "Бриллиант жыланга" жолукканга чейин пенде катары күнүмдүк жашоонун гана рахатын көрүп жүрөөр элем. Жылан колума тийген күндөн баштап баарынан айрылдым. Ага сен түшүнө албайсың. Эч ким түшүнө албайт. Бир түшүнсө "Бриллиант жыланды" кармап көрүп, өзүн "ээсимин" дегендер гана түшүнүшү мүмкүн,-"Рыжый" үнсүз угуп отурганы менен тикчийген көгүш көздөрү Азиятты теше текшерип, үнүнүн басымынан, сөзүнөн, көздөрүнүн кыймылынан бери таразалап, чын сүйлөп жатабы же баш айландырган жомок айтуудабы, так туйгусу келип жатты.

"Рыжый" "Бриллиант жылан" тууралуу укканы менен көрбөгөндөн кийин аябай деле кызыкдар эмес болчу. Болгону, жашоосуна тынчтык бербей дүрбөлөңгө салып, чет өлкөгө качууга аргасыз кылганы үчүн бүгүн Азият менен акыркы эсебин эсептешүүгө өзү келген.

Буга жетиш оңойго турбады. Ар бир баскан изинен бери Азият аңдытып койгонун шекшип калган. "Тумоолоп ооруп калыптыр. Үйдөн чыкпай жатат" - деп ишенимдүү жигитине эшигин кайтартып коюп, өзү абышканын кейпин кийип жашыруун эшик менен чыгып кетти.

Бул жакка болсо эл катары автобус менен келди. Дубалынын эле бийиктиги төрт метрге чукул короосунун айланасынан бөтөлкө чогултуп жүргөн бүкүрөйгөн чалга Азияттын кайтаруучу жигиттери көңүл да бурушпады. Болбосо, үй өзүнчө буйтка көчөдө жайгашкандыктан бей-чеки каттаган машина болобу, киши болобу кайтаруучулардын көзүнө сөзсүз илинчү.

Дубалды айланта казылган арыктын ичине толгон күзгү, сары жалбырактарды таягы менен оодарып, бөтөлкө издеген чал короо ичине суу кирүүчү жерге келгенде кичинеге аярлай калып, жерден бирдеме алымыш болуп эңкейип, өткөөлдү жакшылап карады. Өткөөлдүн ички бетине темир тор коюлган экен. "И-им кирчү жол табылды" деп койду да бөкчөңдөй басып кете берди. Болбосо, дубалдын үстүнөн өтүү кыйынга турмак. Дубалдын кыры менен тартылган тикен зымга ток жүргүзүлүп, белги берүүчү коюлган болчу.

"Рыжый" түн ортосу оой баягы күндүзгү көргөн өткөөлүнө келди да темир кескич менен опоңой торду кесип, ичкериге кирди.

Кенен трубадан "Рыжыйдын" чакан бою "шып" этип өтүп кетти. Үйдүн артындагы жертөлөгө кирген эшикти көргөндө кубанып кетти. Кулпу ачуу "Рыжый" үчүн бала күнүнөн эле татаал маселелерге кирчү эмес. Кандай гана кулпу болбосун колу тийгенде ачылчу. Жертөлөнүн сөзсүз үйдүн ичинен да чыкчу жолу бар экенин астына ала болжогон. Ойлогонундай эле үй ичинен чыкчуу эшик бар түгүл, ачык да экен. Кейпи, жертөлөнүн сырткы темир эшиги кош кабат кулпу менен кулпуланып тургандыктан, анчалык сактанышпаса да керек. Анын үстүнө туура жер төлөнүн эшигинен чыга бериштеги диванда үйдүн ичинен кайтарган жигит коңурук тартып уктап жатыптыр. Арыта телевизор иштеген бойдон өчүрүлбөй турат.

Бутунун учу менен баскан "Рыжый" жигитке нечен ирээт бычагын таптап барып кайра тийбей, үстүңкү кабатка дабышсыз чыгып кетти.

Ошентип, азыр Азияттын маңдайында отурганы. Азият болсо "Бриллиант жылан" жөнүндө берилип айтып жатты. Угуп отуруп "Рыжый" Азияттын чындыкты айтып жатканына ишенди. Фаризат жөнүндөгү айткандарына да ишенди. Анын үстүнө өзүнүн да Фаризат тууралуу чала-моңол уккан жайы бар болчу.

Көпкө жомок угуп отурууга убактысы тар эле. Сыртта жылдыз суюла баштаган.

"Тук" деген туюк үн чыкты да, Азияттын так чекесинде бармак басым кызыл так пайда боло түштү. Азият: "Ошентип, Фаризат өзү эле кетпей менден эң кымбат, укмуштуу буюмду да алып кеткен" деп булдуруктап сүйлөп барып башы сол капталына "шылк" дей түштү.

"Рыжый" ордунан "шып" туруп, Азиятты аяр узатасынан жаткызып, уктап жаткандай кылып, шейшеп менен жаап койду да, эч дабышсыз чыгып кетти. Эшикти кайтарган жигит уктаган калыбында кала берди.

ххх

Ошентип, Азиядагы да эң сырдуу чыныгы таржымалы, ким экени эч кимге белгисиз, түшүнүксүз, "кылмышкер" дейин десең өмүрү тергөөчүнүн астына отуруп, буту түрмө аттабаган, кайсыл кызматта иштээри да эч кимге белгисиз бир учурдагы СССР деген империя бар кезде КГБнын ири тапшырмаларын аткарган тыңчы болгону гана айрымдарга белгилүү болгон адам жарык дүйнө менен кош айтышты. Көрсө, "Бүгүн көрсө эртең жок" деген, "Өлбөчүдөй болуп" деген кыргыздын сөздөрүнүн калети жок тура.

"Рыжый", "Азиятты ким өлтүрдү?" деген иликтөө жүрө электе чет өлкөгө "жылт" коюну астына ала пландап, бардык даярдыкты түзүп койгон. Эң ишенимдүү деген, чет тилдеринин бир канчасында сүйлөй алган эки жигити менен бир күндө дайынсыз болду.

Кайда кеткен дарегин эч ким билбеди. Бир жума өтпөй, турган үйү жардырылып, өз ордуна "иш жүргүзөсүң" деп таштап кеткен жигиттери биринин артынан бири атылды. Булар Азияттын өчүн куугандар болчу. Чамынып-чамынып "Рыжыйдын" дайынын табышпагандан кийин акыры тынчышкансыды. Бирок, Азият өлгөн менен артында калган "сыр" өлмөк эмес. Азияттын "Бриллиант жыланды" катып жүргөнү саналуу адамдар билген сыр сыяктуу эле ири өлчөмдөгү Ооган апийими катылган "казынаны" да Азият билчү. "Казынанын" кожоюну Азиятча бир чөлкөмдүн эмес, дүйнөлүк оюндарда ойноп жүргөндөрдөн болгондуктан, Азият анын "казына кайтаргычы" катары гана кызмат өтөөчү. Ошол эле маалда ири өлчөмдөгү байлыкты кайтарып, ишенимдүү адам катары дайыма ченемсиз колдоо көрүп жүрдү.

Так ушуну "Рыжый" билген эмес. "Бриллиант жыландын" таржымалына кызыгып кеткен Азият да "Мени өлтүргөнүң менен сен жер бетинде тирүү жашай албайсың. Ит көрбөгөн азапты көрөсүң. Сени көккө чыксаң бутуңдан тартып түшүрүп, жерге кирсең чачыңдан сүйрөп чыгуучулар бар. Себеби, "казына" кайсыл жерге катылганын жалгыз мен билем. Дагы бирөө бар эле ал күтүүсүз оорудан өлүп калды. Кожоюн дагы бир ишенимдүү адам табууга үлгүрө элек. Кожоюн бул "казынасына" тийбей "на черный день" деп сактап жүрөт окшойт" дегенди айтууга үлгүрбөдү. Анын үстүнө "Рыжый Болот" да көп сүйлөгүсү келбей, күтүүсүз курокту басып жиберди. Ошентип, ошондо өз өмүрүнө да мүшкүл түшүрүүчү күндүн курогун басканын кийин-кийин гана билип жүрбөйбү.

Болбосо, өз ишине өзү курсант болуп "Мына Азият... Азият" дешип титирей беришчү эле... көрдүк го..." деп катардагы кылмышкерлик мүнөзү менен түкүрүнүп басып кеткен.

Үйү жардырылып, ордуна калтырып иш жүргүзүүчү жигиттери бүт атылганын четте жүрүп укканда эле үрпөйдү. Таптакыр башка улуттун өкүлү катары башка аттагы, документтер менен жүрсө да, жүрөгү кооптонуп жаманчылыкты сезип турду.

ххх

Шаа таман жолдун башталышында чөгөлөй, Кытай энесинин арбагына ичтен сыйына башын төмөн салып олтурганда кулагына "Коркпо, мен жаныңда болом. Барып көр, барбай калсаң өмүр бою арманда өтөсүң. Мен берген тумарды, бел боону, куралдарды бүт шаркыратмага жеткенде калтыр. Болбосо, алар күйүп калып, өз күчтөрүн жоготуп коюшат" деген үн кулагына даана угулду. Кийинки учурда арбактар менен байланышка көп чыгып жүрүп көнүп калгандыктан, кытай энесинин үнү кулагына угулуп, туйганына таң калган деле жок. Тескерисинче кытай энеси менен жолугушкандан кийин жүрөгүндөгү олку-солку ой жоголуп, жолго чыгууга ишеними артты.

Жол кытай энеси айткандай эле токойлуу тоону аралап отуруп шаркыратмага жетип токтоду. Мына сага, шаркыратма доошу алдагайда күркүрөп угулган, асман тиреген аскадан аккан сүттөй болуп, апаппак көбүктөнүп түшкөн албуут тоо суусунун шаркыратмасы экен. Жакын келгенде кадимкидей суунун илеби уруп, көбүктөнгөн бул суу кандай күч менен түшүп жатканынан кабар берип турду.

Шаркыратманы тиктеп туруп Шаанын ишеними өчө түштү. "Бул суу мени четине жеткенде эле жалпыйта урат го" деп ойлоду. Арытан узундугу кулачтай бактын бутагын алып, шаркыратмага ыргытты эле кайда кеткенин да билбей калды. Куюлуп түшкөн жериндеги боркулдап кайнаган суудай уюлгуп айланган тереңдиги канча экени да белгисиз куймадан таяк чыккан жок.

Кантсе экен, ушунча келип, коркуп кайра артка кетеби? Эгер шаркыратманын күчү ыргыта уруп тигил куймага түшсө сүзүп чыга алабы? Жээктеги ташка көчүк коө, демин жыйып олтуруп ушуларды ойлоду. "Балким, шаркыратмага кирүүчү кандайдыр бир жол бардыр?" деген ой башына "кылт" дей түштү. Ордунан туруп жээкти аярлап карай баштады. Туура жанагы тасма жол келип жээкте бүткөн жерде окшош үстү жагы жалпак тоголок таштар бири-биринен бир кадамга алыстыкта жол сымал уланып жатканы, жакшы байкаган адамга көрүнөт экен. Демек, бул таштардын сыры болсо керек. Кытай кемпир "калтыр" деген бүт буюмдарды жээктеги карагайдын бутагына илди да өзү сууга кирди. Улам бир тоголок таштын үстүнө секирип, суу белчесине чейин чыкканда, таштар уюлгуган көк ирим куйманын ортосу жакка бурулду. Суу канча көбүктөнгөн менен улам бир таш даана көрүнүп суу белчеден жогору чыккан жок. Көк иримдин ортосуна жеткенде, таш жол түз шаркыратманын куймасы жакка бурулду. Эми илеби жүрөк үшүн алган шаркыратмага түз кирип баратты. Суунун муздактыгы сөөктөрүн какшатып чыкты. Ойлонууга убакыт да жок эле. Суу жиреп тездеп жөнөдү. Астынан тоголок таштар гана көрүнөт. Таштан бутуң тайыса же жаза бассаң белгисиз тереңдикке кетчүдөйсүң. Улам шаркыратмага жакындаган сайын чындыгында шаркыратма экиге бөлүнүп агаары, ортосунда жарым метрче айрылыш бар экени ,ал жер көгүлжүм тартып, башка жагынан айырмаланып тураары байкала баштады. Туура шардын үстүнө келгенде да таштар кадимкидей көрүнүп турду. Шардан эки эле секирип өтүп кетти. Суу артта калып астында тээ арытан ак шоола төгүлгөн оозу бар үңкүр турду. Үңкүр барган сайын ичкерип отуруп оозуна жакындаганда жөрмөлөп калды. Суунун кулак жарган добушу күңүрт угулуп, алыста калгандай. Акыры оозуна жетип, сыртка чыкканда, көргөн көзүнө ишене бербей делдейе отуруп калды. Астында, түбү капкара болуп көрүнбөгөн эки бети тең жалама зоокадан турган жаракага туш болду. Жарака тараптан муздак шамалга кошулуп кандайдыр бир бүкшүгөн жаман жыт да уруп турду. Айлана өлүү тынчтык. Как эткен карга, кук эткен кузгун көрүнбөйт. Ал түгүл "дың" деп учкан чымын да жок. Үнкүрдүн оозунан уланган жол типтик асканын бети менен кетип, бурулуштан ар жагы көрүнгөн жок. Зооканын бетинен капталың менен гана баспасаң батчудай эмессиң. Жолдун ар жерлери кетилип, ичкерип калган.

Шаанын эсине Кытай энесинин айткандары түштү. "Коркпой турган болсоң гана жолуңду ула. Корксоң, жакшысы артыңа кайра тартканың оң" деген. Анан жолго чыгаарындагы айтканы да эсине түштү. "Тобокел" деди. Аска зоонун боору менен жолун улады. Жанагы үшүгөнү унут болуп тескерисинче муздак жел урганына карабай тердеп чыкты. Ар бир кадамын аярлап басып баратты. Таманы жумшак резина ботос кийген эле. Таштан тайгаланбай, бул да чоң жардам болду, ошондо да эки жолу жаза басып алып кылтылдай түшкөндөн кийин ар бир кадамын аярлап калды. Бурулуштан өткөндөн кийин жол кеңейе түштү. Эми түз жөнөдү. Дагы бир бурулуштан өткөндө, астында жараканын аркы бетине өткөн асма көпүрө турду. Баары кемпир айткандай экен. Өз көзү менен көргөндө жүрөгү үшүй түштү. Көпүрө жоондугу билектей болгон аркандарга керилип жасалыптыр да, таманына арчанын жоон-жоон бутактары жарым метрдей кесилип байланыптыр.

Аркандардын ар жерлери сүзүлүп, түгү чыгып, чириген экен. Арчанын бутактары деле чирисе керек. Арканды сынап көрүш үчүн башындагы асканы тешип орнотулган жоон устунга байланган жипти учунан тартып көрдү эле оңой эле үзүлүп, үбөлөнүп түшүп калды.

Бул көпүрөдөн кулоону элестеткиң да келбейт. Төмөндү караган да жок. "Кантсем?" деди өзүнө- өзү. Дагы көкүрөк баса кичинеге эс алып отурду. "Ушунча келип кайра артка кетемби?" деген ой менен "жиптер эчак чириптир. Көпүрө эчак эч нерсеге жарабай калган экен. Мындан өтөм деш, түз өлүмгө бет алуу" деген эки ой көкүрөктө тирешип турушту.Асма көпүрөнү карап отуруп, кытай энесинин айткандары эсине түштү. "Жиптери мына-мына үзүлчүдөй болуп турат. Канча жылдар мурда деле ошондой болгон экен, азыр деле ошондой болсо керек" деген. "Балким, мунун бир сыры бардыр" деп ойлой, ордунан туруп биринчи жипке байланган арча таякка бутун койду эле кычырап сынчудай ийилип барып сынбай, токтоп калды. Экинчиси да ошентти. Үчүнчү-төртүнчүлөрү кычыраганы менен ийилген да жок. Көпүрө чайпалып турду. Улам бир таякка бутун аярлай коюп алаксый, астыга аттай берип, ортосуна кантип жетип калганын да билбей калды. Артын кылчайып караганга дарманы жетпеди. Көзүң жаманчылыкты көрбөсүн, көпүрөнүн чайпалганы күчөп, асма жиптердин түгү чыгып, сүзүлгөн жерлеринин өрүмү жанып, ичкерип бараткандай туюлду. Көпүрөнүн башы али узак, артка кетүү да кеч болуп калды. Астын карай албады. Астынан муздак жел менен жүрөктү айлантып, башты ооруткан бүкшүгөн жыт уруп турду. Колдору эки керме арканга жабышып, астыга жыла берди. Көпүрөнүн чайпалганы жайлап калат да, кайра күчөйт. Кадыр атасын да, кытай энесин да жардамга чакырып, ичинен жалынып жатты. Бул жолу эч кимиси келбеди. Көзүнө жиптер жанып, ичкерип отуруп мына-мына үзүлчүдөй болуп көрүндү. "Кейпи, ажалым ушул жерден окшойт. Күнүм бүткөн экен. Сөөгүм ушул жаракада калмак тура" деген ой бекемделе баштады. "Акыры башта бир өлүм. Тирүү калсам тирүү калдым. Өлсөм өлдүм да" дегенден эмнегедир жанатан берки денесин титиреткен коркунуч жок болуп кетти. Коркпой "куласам кайда түшөм" деп жараканын түбүн көрүүгө аракеттенди. Түбү көрүнбөйт. Түшсө, кайра чыкчудай эмес. Эки бети тең жалама зоока экен. Өткөн өмүрү көзүнө тартыла баштады. Бала кезинен беркиси тим эле кино тасмадай көз алдынан чуурат. "Адам өлүм менен бетме-бет беттешкенде, өткөн өмүрүн эстейт" деген оюна түштү. Өзүнө өзү түрлүү суроолорду бере баштады. Деги мен эмне үчүн жашап келатам? Кыска жооп таба албай турду. Узун жоопко убактысы да жок эле. Кызык, эмне үчүн качандыр бир кылымдарда экиге бөлүнгөн китепти "кайра бириктирели" деп дүйнө кезип, тентип жүрүп ушинтип, кайсыл жер экени да белгисиз жаракага учуп өлүшүм керек? Кызык, эң башкысы эмнеге Шаага чейинки өткөн нечен муундар көрбөгөн азап-тозокторду көрсө да "китепти бириктиребиз" деген тилекти жыйыштырып койбой өжөрлөнүп, жашоодогу башка кызыкчылыкты бүт жыйыштырып таштап, өмүрлөрүн арнашууда? Бул жерде акыл-эстен айрыган кандайдыр бир магиялык күч таасир берип жаткан жокпу? Учугу башталган сырды ачыш кызыкчылыгы эмнеге адамдарды арбап өзүнө сиңирип кетет?

Буга чейин оюна келбеген. Оюна келсе да жооп издөөнү каалабаган суроолор биринин артынан бири келип, асма көпүрөнүн мына үзүлөт-үзүлөт деген жибин да саамга унутуп койду. Акыркы таякты басып, зооканын четине жеткенде "чын жеттимби же түшүмбү?" деп дендароо боло түштү. Артына кылчайса, көпүрө кадимкисиндей эле туруптур. Бир да таягы сынбаптыр. Ал түгүл жана өрүмү жанып үзүлчүдөй болуп бараткан жиптеринин деле өрүмү жанбаптыр. Ал түгүл эч ким өтпөгөнсүп жанагы чайпалуусу да токтоп калган. "Жүздөгөн жылдар мурда да ушундай экенсиң. Эми деле калыбыңдан өзгөргөн жоксуң" деп өзүнчө сүйлөнүп койду.

Көпүрөдөн өткөндө кайра башталган тасмадай жол менен аска таштарды аралай имерилиштен өткөндөн кийин, чокусу асман тиреген эки зооканын кычыгына туш келди. Үстүнөн түшүп кетчүдөй болуп салаңдаган таштары бар кычыктан өткөндө, буга чейин эч бир жерден көрбөгөн, ал түгүл китептен окубаган, кинодон көрбөгөн, ажайып дүйнөгө туш болду. Чакан капчыгайдын ортосунда анчалык чоң эмес мөлтүр кашка суу шылдырап жай агууда. Беттери тике эмес, жайык капчыгайдын ичи толо түрлүү жемиш бактар. Бирөө айдап койгонсуган гүлдөр. Гүл жыты менен жемиш жытынан Шаанын көңүлү көтөрүлө түштү. Ар түрлүү куштар сайрап, көпөлөктөр учуп, аарылар ызылдайт. Жол жапан талдарга оролуп өскөн жүзүм зарды аралап кетиптир. Астыдагы боло турган жолугушуудан апкаарый, денесин майда калтырак баскан Шаа эми тим эле буту жерге тийбей учуп бараткансыйт. Жарым саатка чукул жүргөндөн кийин жайыкка чыкты. Астыдагы кызыл асканын астындагы үңкүрдүн оозу биринчи эле көзгө урунду. "Үңкүр" деп айтаарлык эмес, кадимки үйдүн эшигине окшоп, үстү ай тегерек келип, эки капталы түптүз түшкөн. Бийиктиги үч метрче. Туурасы эки метрче. Оозго жакындаган сайын Шаа өзүнө- өзү ээ боло албай, өзүн-өзү башкара албай калганын, аны кандайдыр бир белгисиз күч башкара баштаганын туйду. Үнкүрдүн оозуна кире бергенде, түп жагынан үстүнөн ак шоола нур чачырап, төгүлүп, үңкүр ичи бир башкача жарык экен. Астына токулган камыш төшөлгөн кадимки кендир көлдөлөң, эшик алдынан төргө чейин салыныптыр.

Аңгыча үңкүрдүн төрүнөн чыккан нур күчөп, көздү уялтып жиберди. Шаа чөк түшө отуруп, башын жерге сала көздөрүн баса калды. Кайра көздөрүн ачканда төрдө чачы да, сакалы да, кирпик-каштары да апаппак, өзү да ак жүздүү, бирок, эки бетинин оту кызгылтым, ак матадан тигилген кийим кийген адам малдаш токунуп отурган экен. Колдорун эки тизесинин үстүнө таштап коюптур. Бою ортодон жогорураак болсо керек. Кең далылуу, нур жүздүү, сулуу адам экен, коюу ак каштары ийиле ортосу кошулуп, узун ак кирпиктеринин арасынан көздөрүнүн түсү кандай экени байкалбады.

Шаа өмүрүндө мындай сулуу абышканы көрбөсө керек. Эсин жыя албай тиктеп турду.

- Татаал жолдордон тайманбай өткөн азамат экенсиң. Эгер орто жолдон коркуп артка кайтам десең ишиң жаман болот эле. Мына, акыры көздөгөн жериңе жеттиң. Экөөбүз маңдай-тескей отурабыз. Мага келгендеги максатың эмне эле?

Шаага ушундай түшүнүк берилди. Кулагы менен уктубу. Мээсине түз берилдиби айрый албай турду. Анан калса кыргыз тилинде берилди. Кытайга келгени жалаң кытайча сүйлөп жүрүп көнө түшкөндүктөн, эне тилиндеги түшүнүктү алганга ого бетер таңданды. Шаанын байкоосунда абышканын ооздору кыймылдаган жок.

- Сиз кимсиз, ушуну билейин дегем? - деди Шаа шашкалактай.

- Катардагы карапайым пендемин. Силерден болгон айырмам Кудай жолундамын.

- Буга чейин далай Кудай жолундагыларды көргөм, бирок, сиздейди биринчи жолуктурушум.

- Ал бир өзүнчө татаал маселе. Аны бүт талкууга алганга адамдын жердеги бир өмүрү аздык кылат. Сенин менден мен жөнүндө билээриң ушул гана. Сенин мага үч суроо бергенге убактың бар болчу. Экөөнү бердиң. Бирөө калды. Ойлонуп туруп сура.

- Мендеги сырдуу китеп жөнүндө...

- Ушуну сураарыңды билгем. Биринчи суроону эле ушундан баштайт го деп да күттүм эле. Пенделик кызыкчылыгың жеңип кетти да, убактыңдын далайын уттуруп жибердиң. Эмесе, мындай китеп эки нускадан турат. Бири мына.

Арт жагына бурулуп, кадимки Шаа катып жүргөн китептей бирок, мукабадагы жыландын сүрөтү экиге бөлүнбөй, бүтүн түшүрүлгөн китепти алып Шаага көрсөттү. Шаа өзүн жогото сактап барып оңолду. Таң калуусунда чек жок болчу.

- Экинчиси экиге бөлүнүп адамзаттын колунда канча жүздөгөн жылдардан бери укумдан-тукумга өтүп келатат.Бул теңирдин табышмагы. Балким сен өзүңдү бириктиргенди издегениң оңдур. Ар бир пенде алгач өзүнүн канча бөлүнүп кеткенин туюп, кайра Теңир астында башын ийип күнөөсүн мойнуна алып, бир адамдыкка уюшу керектир. Анан барып китепти бириктиргенди, китептин ичиндеги сырга жеткенди көксөсө туура болоор.

Теңир астында барыбыз бирдейбиз. Китеп сырын мөөнөтүнөн мурда сага ачууга мага укук берилген эмес. Бүгүн бул жерден өзүңө сиңирген улуу күч балким сенин экиге бөлүнгөн китепти бириктиришиңе жана сырын өзүң ачышыңа көмөк болоор, бул да Теңирдин жазмышы.

Андан аркылары Шаанын эсинде көп жок. Улам өзүн жоготуп баратканын бир билет. Анан экинчи жолу бул жакка келүүгө сага болбойт деген түшүнүк, анан да бул жолдун сырын бекем ичте сактоо керектиги тууралуу түшүнүк алганын билет. Эсине келгенде шаркыратмага кире бериште өзүнүн буюмдарын калтырган бактын түбүндө отуруптур.

Тим эле жумалап тамак ичпегенсип курсагы ачып, вагондоп көмүр түшүргөнсүп чарчап калыптыр. Ал түгүл кадимкидей шалпайып арыктай да түшкөнүн байкады. "Эмне болуп кеттим? Түшүмбү же өңүмбү? Балким транска кирип кеттимби?" - деп дендароо болуп турду.

ххх

Фаризат түшүнөн чоочуп ойгонду. Кадимкидей кыйналып, тердеп, ал түгүл суусап да калыптыр. Туруп жемиштин ширесинен ичип кайра келип ордуна жатты. Таң жаңы атып келаткан маал экен. "Шүмшүк бары бир көргө киргенимче жанымды тынч койбойт окшойт" деп тилденип алды. Уктай албай биртопко ооналактап жатты. Түшүнө Азият кирип жатыптыр. Маңдайында турат. Баягы көздөрү оттой күйүп кербезденип турчу Азият жок. Жүдөп калган. Кийген кийими да жупуну. "Мен сени жанымдан артык сүйдүм эле го. "Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай" алып жүрчү эмес белем. Эмнеден кем кылдым эле. Айтканыңды бүт аткарып, каалаганыңды жасачу эмес белем. Сени керек болсо баткактан сууруп алдым эле го. Ар кимдин тепсендисинде "тряпка" болуп каларыңда мен таза калыбыңда сактап калбадым беле. Ушунча эмгегимди унутуп, кайдагы бир аягы сай таппаган тентимиш менен качтың. Аны да жөн койбой уулантып өлтүрүп салыпсың. Тигинтип кепинин сүйрөп жерге батпай боздоп жүрөт" дейт. Чын эле караса арыта үстүнө шалбыраган таштанды чүпүрөктөрдү оронуп Саид жүрөт.

Сүйлөйүн десе сүйлөй албайт. "Кечир мени Азият. Кандай шайтан сайды билбейм, азгырылдым. Эмнеге азгырылдым өзүмдүн да акылым жетпейт" деп боздоп ыйлайын дейт, ыйлай албайт. Азиятты караса маңдайында кара так турат. Ичинен "Эмне болгон так. Маңдайында мындай калы жок эле го?" деп ойлоп, өзүнөн "Маңдайыңдагы эмне так?" деп сурайын десе, тактан кызыл кан жая берди. Азияттын бүт денеси канга чыланды. Кан чачырап өзүнүн боюна да жаба берди. Караса колу бүт кан. Көйнөгү бүт кан. Жуунайын деп чуркап барып күзгүдөн өзүн караса бети бүт кан. Жуунса такыр кетпейт. Аңгыча Саид пайда боло калды. Ыржайып күлөт. "Ырас болду. Ушуну көрмөксүң" дегенсип күлөт. "Саид сен өлбөдүң беле? Кайдан жүрөсүң бул жерде?" десе жооп бербей ырсаңдап күлөт. Кайра ичинен "Өзү ишке токтоо мамиле кылалбаган неме болчу" деп ойлой кайра бурулса, Азиятты бирөөлөр ак кепинге ороп көтөрүп баратышыптыр. "Ой токтогула. Азият өлдүбү?" деп аркасынан чуркаса да эч ким көңүл бөлбөйт. Эч ким жооп да бербейт. Анан эле уранды тамдардын арасында отуруп калды. Астында "Бриллиант жылан" жатыптыр башын көтөрүп көздөрүн тири укмуштай балбылдатып тиктеп турат да оозун ача чакчуудай болуп жакындайт. Тура качайын деп кача албайт. Жыланды ыргытып жиберейин деп ыргыта албайт. Аңгыча жылан көз көрүнө узарып кетти да бутунан баштап белине чейин оролуп алды. Оозу улам чоңоюп соргону келатты. Канчалык жанталашып жыландан кутулайын десе да кыймылдоого чамасы жок. Ал түгүл кыйкырууга үнү да чыкпай, кыйналып баратканда ойгонду.

Бул эмне деген түш? Кийинки кездерде баш аламан жаман түштөрдү көрүп, кыйналып уктоочу болгон. Бирок, бүгүнкүдөйдү көрө элек болчу. Тим эле баары өңүндө болгонсуп азыр эстегенде кайрадан жүрөгү дүкүлдөп чыкты.

Аялдык сезими менен Азиятты чоң кырсык басканын туйду. Балким соо болбой калды бекен. Кантип билсе. Телефон чалса кайда экени билинип калат. Эгер Азият тирүү болсо эки күнгө жеткирбей кармайт. "Ээ койчу ошону. Эми кичине жаным тынч алып келатканда кайра да өзүмдү-өзүм кыйноого түртпөйүнчү" - деп күбүрөнгөнү менен жүрөгү алеп-желеп болуп тынчый албай турду. Кичине виски куюп ичти эле ичимдик денесин магдыратып тынч ала түшкөнү менен тээ түпкүрдө сайылган тикенек кала бергенсип жүрөгү тызылдайт.

Гонконгко келгенден кийин кореецке берген бүт убадасын так аткарып эсептешкени менен ал тынч калтырбай артынан түшүп алды. Бирөөлөрдү тукуруп коет да, кайра өзү арачы түшүмүш болуп канын соро баштады. Каражатым калбай калды деп көрдү эле ага да болбоду. Өзүнүн сыйлуу деген конокторуна салып бере баштады. Маданияттуу түрдө гана "Бул мырзанын көңүлүн алып койбосок болбойт. Сен жагып калыпсың. Экөөбүзгө тең керектүү адам" дейт. Алардын биринен да Фаризат өзүнө керектүүсүн таппады. Ал түгүл айрымдары Фаризатка катардагы сойкулардай мамиле жасап, түрлүү талаптарды коюп, баш тартса кол көтөргөнгө чейин барган учурлар болду. Минте берсе тебелендиде калып эртең эле кадимки сойкулардын катарында турарын билген Фаризат Гонконгдон жылт коюну ойлоно баштаганда күтүүсүз полициянын шефи менен таанышып калды.

Шаардагы чакан, бирок, эң мыкты ресторанда жалгыз тамактанып отурган. Кореец бүгүн кечинде дагы бирөөлөр менен жолугушууну сунуш кылган. Бул жолу жөн гана "делевой" жолугушуу дегени менен аягы эмне менен бүтөрү Фаризатка белгилүү болчу. Барбай койсо тымызын полицияга билдирип койсо иши бүттү. Полиция жер жеберине жетип изилдей башташы мүмкүн. Ошондон коркот. Аңгыча маңдайындагы орунтукта бакылдашып шайыр отурган жаштар мушташа кетишти. Бири келип Фаризат отурган столду жөөлөп өткөндө үстүндөгү тамак, жемиш ширеси Фаризаттын үстүнө төгүлүп, бүт кийими булганды. Ресторандын кожоюндары тигилерди тынчтандыргыча полиция да жетип келди. Фаризатты да күбөө жана жапа чегүүчү катары бөлүмгө алпарып түшүнүк жаздырышты.

Фаризаттын сулуулугуна сугу түшкөн полициянын шефи "сизди мен өзүм жеткизип коеюн. Үстүңүз да булганып калыптыр" - деп чыкканда, байкуш боло "мейлиңиз" - деди. Үйгө келгенде "Сиздин кичипейилдигиңизге рахмат. Мен полициялардын баары "орой, кара мүртөз болушат" - деп ойлочумун. Сиз андай эмес экенсиз. Үйгө түшүп кофе ичип чыгыңыз" - деп суранып калды эле тигил да жым деп макул болду. Ошентип, ал күнү шеф полиция Фаризаттын үйүндө кала берди. Өзү жашы өтүп калса да келишкен мыкты эркек экен. Фаризат да бар мүмкүнчүлүгүн аябай ырахат тартуулаганга аракеттенди.

Кийинки күнү келгенде өзүнүн ишине бирөөлөр бут тосо баштаганын айтып, кореец жөнүндө билдирип койду эле, эртеси "Ал көптөн бери издөөдө жүргөн кылмышкер болчу. Сенин жардамың менен кармадык" дегенди угуп жаны жай алып калды. Ошентип, жаңы эле "эми өзүмдүн жашоомду оюмдагыдай өткөрүүгө шарт түзөт окшоймун" деп ойлой баштаганда, укмуштуу түш көрүп жатпайбы. Анын үстүнө ички туюму да Азият соо эмес экенин айтып жатты. Канткен менен экөө ондон ашык жыл чогуу жашап жан дүйнөлөрү сиңишип калган эмеспи. Азият оңой эле эсинен чыкмак эмес.

Бүгүн минтип полициянын шефин ойнош кылганга төбөсү көккө жетип отурат. Аттиң адам өз мезгилинде бактысын билбейт тура. Кечээ эле Азияттын колтугунда жүргөндө нечендерди теңсинбей, эркек катары санабай, көздөрү жалдырап бир жолу кыйыгынан карап коер бекен дегендерге мурдун көтөрүп турчу эмес беле. Жыл айланган убакыттын ичинде эмнелерди көрбөдү. Кимдердин гана тепсендисинде калбады. Бир учурда Азият "менден башка жан адамдын колун тийгизбейм" дечү аппак денесин бок курсактар да, ишке жарытылуу жарабаган абышкалар да, аракка тойгон зөөкүрлөр да, эс учунан айрылган наркомандар да ушалады. "Өзүм каалап катуу сүйгөн адамыма гана этегимди ачпасам, жан адамга жеңимди да карматпайм" деген тилеги таш-талканы чыгып кетти. Ким күнөөлүү. Чындай келсе өзү гана. Улам убакыт өткөн сайын өзүн гана күнөөлөй баштаган. "Эсирип көпкөн экенмин" - дей баштаган. Азияттын босогосунан аттап чыкса эле эркин, жыргал дүйнөгө туш болом деп ойлободу беле.

Чөнтөгүндө акча толтура болсо, каалаганыңды жасап жүрө берсең болчудай туюлчу. Көрсө "эркиндик" дегендин өзү да алдамчы түшүнүк окшобойбу.Азияттын түшүндө "Сени өлүмдөн аман алып калбадым беле" дегени да чындык. Ал күндөрдү эстегиси да келбейт. Таптакыр эсинен чыгарып таштаганга аракеттенчү. Азият өзү ошентип үйрөткөн. Кандайдыр бир Фаризатка түшүнүксүз психологиялык тесттерди жүргүзүп, сеанстарды өткөзгөндөн кийин чын эле өткөн өмүрүндөгү "кара күндөрдү" унтуп таштаган болчу.

Мына бүгүн ушунча жылдан бери таасир берип келаткан ошол сеанстардын күчү кеткенсип баягы кыз кезиндегиси эсине түшө баштады.

Душанбедеги университетте биринчи курста окуп жүргөнүндө согуш чыгып кетти. Чыкканда да ата-энеси иштеген райондон башталды. Атасы райондун керек-жарак коомун башкарчу. Райондогу мен баймын дегендерден эле.

Бардык байланыштар үзүлүп калды. "Ата-энебиз эмне болду", - деп экинчиден али согуш эмне экенин толук түшүнбөгөн жаштар чогулуп алып жөнөп кетишти. Кимди- ким көрдү. Жолду карата качкындар. Ээлиргендер эки күнгө жетпей эстерине келишип, көбү кайра артка кайтышты. Фаризат жаман кийинип алып акыры эптеп ата-энеси жашаган райондун борборундагы шаарчага жетти. Жеткени курусун. Бала кезинен ойноп өскөн баягы үйү жок. Урандыга айланыптыр. Өрттөп жиберишиптир. Шаарча каңгырап ээн. Жолбун иттер жортуп калган. Үч үй арыта жашаган кемпир бар эле. Анда-санда ата-энесиникине келип майда жумуштарын жасап берип, тамак-аш, эски кийим-кече алып турчу. Ошол кемпир гана калыптыр, тегеректегилерден. "Кепинимди сүйрөп кайда кетмек элем. Өлсөм ушул жерде өлөйүн" - деп кала берген экен.

Өзү да кичине акылынан айныгансып калыптыр. Фаризатты араңдан зорго тааныды. Таанып алып, кемшеңдеп ыйлап кирди:

- А-а кызым. Биз көргөндү Кудай эч кимге көрсөтпөсүн. Бул адамдар көз көрүнө кутуруп кетишти. Кудайдын каарына калсак керек. Тимеле адам жасабаган жоруктарды жасашты. Сенин атаңды көз көрүнө көчөгө сүйрөп чыгып атып салышты. Энеңди топ эркек үй ичинде эмне кылды билбейм. Куурагырга кордукту аябай эле көрсөтүштү болуш керек. Сиңдиңди да ошентишти. Тим эле он, жыйырмасы жабылып зордошту. Анан үйгө жардырган немени ыргытышты. Ал аз келгенсип өрттөштү. Иниң кайдадыр качып кетип жоголду. Шордуу тирүү барбы? Же дагы бир жерде тырайта аттыбы, эч ким билбейт. Эми өзүң издеп таап албасаң. Атаңды "капырсың, капырдан катын алгансың, чочконун этин жейсиң" - деп күнөөлөшпөдүбү. Ошентишти. У-у кайран Ира кандай сулуу катын эле. Андай сулууну ким болсо да алмак го. Кемпир боздоп, боздоп ыйлап алды. Фаризат ушунун баарын жинди немече, өзүнө эч тиешеси жок немече угуп турду. Кантип эле ошондой болсун. Ишенгиси келбеди. Анан эси ооп жыгылып калыптыр. Эсине келсе, кемпир бетине суу чачып маңдайында отурган экен.

- Шоркелдейим. Тагдырың тайкы бейбак окшойсуң. Эсиң оогон ообогондо эмне, болоору болду, боесу канды. Эми акылың болсо өз жашооңду ойло. Бул жерге калбай кач. Борборуңа кайра кет. Бул жерде калсаң жанагы жаналгыч шүмшүктөр эки-күндүн биринде шимшип келет да, кармап алып чатыңды айрат. Арам өлгүрлөр ону деле, отузу деле, бир катынга секире беришет экен. Энеңди тартып чырайың башкача. Акыры булардын жазасын берчүлөр да чыгаар. Тынчыйт чыгаар. Ошондо иниңди изде, - деди.

Дендароо болуп өзүнө жакшы келе албаган Фаризат ал күнү кемпирдикине жатып калды. Эртеси эрте ойготкон кемпир өлбүрөгөн-шөлбүрөгөн көйнөк кийгизди. Көөгө май аралаштырып бетине, колуна сүйкөп салды. Чачын саксайтып туруп арасына жыгачтын таарынды апилкасын чачып жиберди. "Биз илгери-илгери, басмачылардан ушинтип коргончубуз" - деди. Аны менен эле бүтүп калбай кайдан жайдан бүкшүгөн эт апкелип колтугуна, төшүнө, мойнуна, чатына сүрттү эле өз жытына өзү чыдабай кусуп жиберсе, урушуп кирди.

- Жалап, кусканды сага ким коюптур. Минтпесең эртең желдеттердин колуна түшсөң отузу биригип эңкилдетсе жатының түшүп өлөсүң. Бул сасык жыт жуусаң кетет. Жыгачтын тарындысынан башың биттебейт. Топурак, май, баткак, шыбасаң биттеп кетет. Мендей неченди көргөн мастендин сөзүн уксаң. Желдеттер кармаса келесоо-чалыш болуп кал. Алар жытыңдан жийиркенип деле жолошпойт. Ошондо да колго түшпөгөнгө аракеттен, - деп, болгон акылын айтып жолго чыгарды.

Фаризаттын энеси орус болчу. Ошондуктан, ата-энеси экстремисттерден өзгөчө кордук көргөнүн түшүндү. Ар кайсы айылдардан самсыган качкындарга кошулуп кайра Душанбеге жөнөдү. Кемпир "жасалгалап" жатканда, "ашыкча кооздоп жиберген жокпу" деп ойлоду эле, көрсө карт кемпир билген экен. Түш жарым жүрүшө элегинде кайдан-жайдан аскер машиналарын минген боевиктер чаң ызгытып чыгып кууп келишти да, элүүгө жакын качкынды тегеректеп алышып, тинтип киришти. Качкындардан баалуу эч нерсе деле чыккан жок. Ошондо да "залог кылганга керек" деп эки жаш баланы беш кызды салып кетишти. Фаризатка жакындаган бирөө ээгинен көтөрдү да: "Ф-уу чирип кеткен неме го" деп жерге түкүрүп басып кетти. Кейпи ээгин көтөргөндө" терге аралашып келаткан сасык жыт мурдуна "бур" деди окшойт. Эч ким "үн" деп сүйлөй албады. "Дың" дегендерин атып ташташаарын баары түшүнүп калышкан экен. Бир күндө эле дагы ушундай эки текшерүүгө туш болушту. Жолдогу кичинекей айылга түнөп алып, эртеси кайра жолго чыгышты. Күн бүркөлүп, жамгыр жаап кирди. Жааганда да тим эле чака менен куйгандай жаады. Ошондо да качкындар жөө жалаңдап жол улап кете беришти. Кечке жааган жамгыр Фаризаттын "жасалгасынын" эч нерсесин калтырбай жууп кетти. Муну алгач өзү байкаган эмес. Тегерегиндегилер башкача көз караш менен карай башташканынан сезди. Буга чейин Фризаттан баары алысыраак болуп качып, эч кимиси сүйлөшпөй да жаткан. Баягы сасык жыты да калбады. Кейпи жашыруун сыры түшүнүктүү боло баштады көрүнөт, айрымдар ууртунан жылмайып караганга өттү.

Иш жаман жагына айланып баратканын сезген Фаризат "эми кантип сактануу керек" деп ойлоно баштады.

Акыры анын да жолун тапты. Жолдон тамактанууга токтошкондо, бадалдын арасына кирди да сумкасындагы кызыл ооз боөгуч менен эмчегинин астын, курсагын, табарсыгын, балтырларын кызыл точка кылып боеп туруп, үстүн зеленка менен сүртүп салды эле тим эле жаранын үстүнө зеленка сүйкөп койгондой болуп калды. Өз табышкерлигине өзү кубанып кетти. Кичине чактарында пионер лагерде жүргөндө ушинтип тарбиячыларды коркутушчу. "Мына сасыштын да кереги жок. Көөнүн да кереги жок. Эр болсо мага жолоп көрүшсүн" деп койду. Бирок, бул табышкерлиги кемпирдин жасалгасынын астында суу кечпей калаары биринчи эле боевиктерге жолукканда белгилүү болду. Фаризатты көрүшкөндө эле "Ого бул чүрөк кайдан адашып жүрөт" дешип жетелеп жөнөштү. "Мен оорулумун" деди эле "Аны текшеребиз сулуум" деп коюшту. Дегдеңдетип барып үстү чүмкөмө машинага түшүрдү. Анын түп жагында өзү теңдүү дагы беш-алты кыз бүрүшүп ыйлап отурушуптур. Терезеси жок машинада кайда баратышканын да билишпеди. Дүкүлдөгөн боевиктер машинанын арткы эшиги жакка отуруп алып өздөрүнчө күжү-күжү.

Ушул өткөн күндөрдө Фаризат ким-кимдер менен согушуп жатат, эмнеге согушуп жатат, талаштары эмне түшүнбөдү. Түш көрүп аткансып эле эңги-деңги. "Кээде ойгонсом түшүм болуп калса" деп коет да кайра "Балким чын эле түшүмдүр" деп кетет.

Кеминде төрт сааттан ашык жүрүшкөндөн кийин бир жерге токтошту. Боевиктер кайдадыр түшүп кетишти. Туткундардын бири да орундарынан кыймылдап, жок дегенде машинанын арткы ооз жагына барып "Кайда келдик экен", - деп сыртты карап койгонго да жарабай бүрүшүп отура беришти. Кичине ашык кыймыл болсо, боевиктер өлөөрчө тепкилешет же ит аткандай атып салышат. Аз күндүн ичинде мындайдын далайын көрүп калган немелердин эч кимиси эрдемсүүгө жарабай калган. Ал түгүл ич ара сүйлөшүүгө да жарабады.

Арадан жарым саатча өткөндө экөө келди да "түшкүлө" деди. Сыртка чыгышса, электр жарыгы күйбөгөн чакан айылда экен. Ай сүттөй жарык, жылдыз толуп калган кез. Тигилерди чогуусу менен айдап барышып бир караңгы бөлмөгө камашты да сыртынан бекитишти. Бекитип жатып "Кимиң качууга аракет кылсаңар, ал түгүл терезеге жакын эле барсаңар суроо-сопкуту жок атып салабыз!", - дешти да кетип калышты.

Жаш кыздардын бири бышактап ыйлап киргенде, улуурак бирөө урушуп сооротуп койду. "Ыйлаба, ыйыңды укса азыр келип эшикке сүйрөп чыгат да атып салат" - деди эле беркиси басылып калды.

Арадан дагы бир саатча өткөндө баягы экөө бир мискей тамак көтөрүп келди. Жакшы басылган аш экен. Кейпи боевиктерден ашып калса керек. Анан бир чака суу бир чөмүч беришти.

Ашты баары жанталаша колу менен жеп киришти. Эч кимиси "биринчи колубузду жууп албайлыбы", - дегенге жараган жок.

Фаризат да кечөкү кечтен бери ачка болчу. Өзөгү үзө тартып турган. Чоң мискей ашты алтоо бат эле ныпым калтырбай жалмашты. Кейпи берки кыздар деле ачка окшойт.

Чакадагы суудан кангыча ичишти. Өзөктөрүнө тамак барганга жан кирип бири-бирин сурай баштады. Экөө эже-сиңди экен. Калгандары Фаризаттай ар жерден кошулгандар.

Түн ортосу оой боевиктердин ырдаган, кажылдаган добуштары чыга баштады. Кейпи наша чегип же арак ичип атышса керек. Көп өтпөй кажы-кужу үндөр угулуп 7-8 боевик шатырап кирип келишти. Баары кызуу. Кыздар бүрүшүп бурчка тыгылышты.

- Аа сулуулар, кандайсыңар? Силердин кызмат кылчу мезгилиңер келди, -деди бири жалаңдап. Баарынын колдорунда фонариктер.

- Кана, кана катарга тургулачы, - деди эле кыздар бири-бирине жабышып бүрүшкөндө, күрсүйгөн бирөө:

- Силерди, "катарга тургула?" - деп жатпайбы жалаптар! Тургула! Боюңарга карап катарга!, - деп кыйкырганда, титиреген кыздар шашыла тизилишти. Эң бойлуусу Фаризат экен.

Ээктерин көтөрүп, баарын сындай баштады баягы шыпылдагы. Аңгыча бири:

- Буларды командирлерге алпарганда бизге эч нерсе артпайт. Давай ушул жерден бирден моокум кандырып алалы - деди тамшанып.

- Туура айтат, давай, - деди да, жанагы бакырган күрсүгүй четтеги бир кызды чыңыртып басып жыгылды. Тапыр-тупур боло түшүштү да баары бирден басып жыгылып, зордуктап киришти.

Шыпылдак Фаризатты баса калды.

- Мен оорулумун, венерикалык оорулумун, сифилисмин. Өз убалың өзүңө. Кийин, "айтпай койдуң" дебе, - деди жанталашкан Фаризат. Тигил Фаризаттын көйнөгүн түрүп ийип денесиндеги зеленка сүйкөлгөн жараларды көргөндө эси чыгып кетти.

- Канчык! Чын эле бүт денеси жара го. Фу-у, ванючка, - деп ордунан тура качты. Кейпи чатында баягы кемпир сүйкөгөн сасык жыт сакталып калса керек.

- Чын элеби? Арыта кыз жетпей калган бири фонарик менен бир карап алды да:

- Ту-уу ата. Чирик тура, - деп жийиркене кайра ары кетти. Айрылган көйнөгүн кайра үстүнө кийген Фаризат ордунан турганда, бири автомат кезеп:

- Атып таштайынбы? - деп жанагы шыпылдактан сурады. Фаризаттын жүрөгү оозуна тыгылды. "Соп-соомун, жөн эле алдап жатам. Атпагыла!", - деп бакырып жибере сактады.

- Жок. Атпа. Мунун өлүгүн эртең ким сүйрөп жүрмөк эле. Тим кой. Тирүү жүрө берсин. Балким "кызылдарга" алмашып жиберебиз, - деди кайдыгер. Фаризат өзүнө келе түштү. "Шалак" деп жерге отуруп калды. Автомат кезеп турган неме:

- Өңү бирок чоткий экен. Резине кап жокпу. Тонкойтуп туруп шилтейин, -деди эле кезек күтүп турган экөө каткырып жиберди.

- Кайдагы резина кап. Табышкерин кара...

- Оозуна бер, - деди бири.

- Жо-ок, ооздон даана жугат, - деп уккам деди берки.

- Ай чын эле. Эмне карап турабыз. Булардын ооздору бош да. Ту-у ата, -деди да бири чөгөөлөп берки кыздарга ишке киришти.

Беш кызды сегизи ойлоруна келгендей чарчагыча уйпалашты. Фаризат баарын "ужас" кино көргөнсүп карап отурду. Анан баарын кайра кийинтишти да кайдадыр алып кетишти.

Уктап кеткен экен дүпө-дүптөн ойгонуп кетти. Көрсө, кыздарды апкелишиптир. Тим эле чала жан. Көйнөктөрү айрылган. Эмчектеринен, денелеринен тамтык жок көк-ала. Фаризат тура калып ар бирине суу жуткуруп чыкты. Ыйлаганга да жарабай калышыптыр. Эже-сиңдинин улуурагы:

- Ушундан көрө сенчилеп сифилис менен ооруп калганым жакшы болчу. Ооруңдан мага жугузчу, - деди кимгедир кыжыры келе тиштенип. Фаризат үн деген жок. Тигил уктап кетти. Бешөө тең уктап калышты. Жалаң полдо сунала жатышты.

Ошол бойдон кечке уктап жатышты. Түштө дагы аш апкелди эле жалгыз жеди. Тигилер турушкан жок. Фаризат дүйнөдөгү эркек аттуунун баарын жек көрүп жатты. "Акмак эркектер болбосо согуш да болмок эмес. Эмне үчүн Кудай буларды аялдардан күчтүү жаратып койду экен. Эгер булар аялдардай алсыз, аялдар тескерисинче күчтүү болгондо баары сонун болмок" деп коет.

Кечинде чоң мискей шорпо алып келишти. Үч табак, үч кашык беришти. Кыздар туруп алмак-салмак көңүлсүз шорпо ичип киришти. Эч кимиси сүйлөгөн жок.

Бөлмөнүн ичи коңурсуп жаман жыттанып чыкты. Күн кечтеген сайын ар кимисинин жүрөгүндө "эми кечөөкү кайра башталат" деген турду.

Эшик ачылып эки боевик кирип келди.

- Кандайсыңар, сулууларым. Кечки шоуга даярданып жатасыңарбы? Ничего, бүгүн кечөкүдөн да мыкты ойнойбуз, - деп каткырып койду да:

- Эй сифилис, жүрү биз менен, - деди.

Фаризат ордунан очорула араң турду. "Атканы алпаратышат. Эмне кылсам. Кордук көргүчө атылып деле кетейинчи. Баары бир буларды деле кордоп атып өлтүрүшөт окшойт", - деп чечти да эшикке чыга жөнөдү.

- Ванючка. Ылдам бас чоюлбай - деди кежигеге автоматтын учу менен түртүп.

Талаага айдайт го деген. Жок. Аскер машиналары токтоп турган эки кабат чоң үй жакка айдашты.

Биринчи кабаттагы бир бөлмөгө кийирди да:

- Тигил кийимдердин ичинен каалаганыңды тандап мыктап кийин, - деди баягы шыпылдак.

- Бол тез кыймылда - зекий сүйлөдү.

Фаризат чечингенде;

- Ф-уу... канчык. Курттап кетиптир го, - деп тескери карады.

Фаризаттын оюна кечөкү "Алмашып жиберебиз" деген сөз түштү. "Кийин" дегенинде жакшылыктын үмүтү турду. "Алмашканы келгендер балким жактырбай койбосун", - деп көңүлдөнө кийимдерди тандап кирди. Түрлүү кийимдер бар экен. Алгач ич кийимдерди тандап кийди. Анан келишкен узун, көгүш көйнөк кийип, чачын төбөсүнө жыя өрүп туруп түйдү.

Фаризатты жалдырай караган тигил:

- Сыртыңдан караса тим эле чүрөксүң. Ичиңди кудай көргүлүк кылбасын. Кечөкү келесоо "резина кап болсо бир шилтеп алайынчы" деп тамшангыча эле барсың. Между прочим ушул өңүңдүн азабынан сифилис болсоң керек да, - деп улутунуп койду.

Фаризат үн да деген жок. Чоң күзгүдөн көздөрү алайып жүдөгөн өзүн карап турду.

- Баса, сени чоң жерге өздөрү менен ала кетебиз дегендер наркосоодагерлер. Аларга ооруң жөнүндө үн дебейсиң. Жерине жеткенден кийин каалаганыңды сайрай бер. Алар сени "төрт тарабың кыбыла" деп кое берет. Атып таштабайт. Биздей согушчандар эмес. Бизге сенин керегиң жок. Ашка жүк башка жүксүң. Ошондуктан, үн дебей тилиңди тигил чириген жериңе кат. Тескерисинче, аларга жагууга аракеттен, - деген көрсөтмө берди.

Анан экөө ээрчише экинчи кабатка көтөрүлүштү да чоң, жарык, жалаң килем төшөлгөн бөлмөгө киришти. Бөлмөдө бешөө бар экен, эки аскер формасындагы адамдарды карап "мени алып кетүүчүлөр ушулар го", - деген ойго кетти. Алардын бири чымыр денелүү, узун бойлуу, жаш жигит Фаризатты көздөрүн ойноктото бир жолу кайдыгер карап койду да башка карабады. Бет маңдайында отургандардан көзүн алган жок.

Экинчиси жашы кырктан өтүп калгандай көрүнгөн чачын артка тараган сулуу адам Фаризатты көпкө сонуркай сынап карады.

"Эмнеси болсо да ушул башчысы окшойт. Ушуга жагайын" деген ойго кеткен Фаризат "Мени бул желмогуздардан куткара көр" дегенсип жалооруй тиктеди.

- Ты наверняка метиска, - деди орусчалап сулуу адам.

- Да я-а метиска. У меня мама была русская, - деди Фаризат мукактана.

- Поэтому ты такая красивая, - деп койду да, пойдет, мы еө с собой заберем, - деди тигилерди карап.

- Тогда за такую красавицу те три яүика оставишь, - деди беркилердин бири.

- Все десять яүиков оставлю, - деди берки сулуу адам.

- О-го Вы очень разүедрились. Если вы насчет женшин всегда такой, тогда приежайте почаүе. Мы каждый раз будем находить таких красавиц, -деди эле

- Н-еет красивее ее вряд ли найдете. Она просто находка. А на самом деле ее никто еүе не трогал?

Берки тараптагылар алаңдай түшүштү.

- Да-а... да. Еө еүе никто пальцем не тронул.

Тигил эми Фаризатка кайрылды.

- Дейстивительно тебя еүе не трогали, скажи честно? Бул жолу сүрдүү тикчие тиктеди.

- Да меня еүе никто не трогал. Я чиста, - деди Фаризат ишенимдүү үн менен.

- Ну что ж, это мы еүе успеем проверить - деди да жанагы Фаризатты коштоп келген жигитке:

- Ее посадите пожалуйста, в вертолет, - деди.

Тигил Фаризаттын жеңинен тартып, "жүрү" деген ишарат кылып чыга жөнөдү. Экөө ээрчишип эшикке чыкканда;

- Даана азамат экенсиң. "Ажалдан кутулдум" деп эсептей бер. Өкүртө алдадың. Тигил жакка барганда, көп болсо бир сөгүнүшөт да, сени кое беришет, - деп кудуңдап койду.

"Ким кимди алдады бир Кудай билет" деп жибере сактап, кайра оозун басты. Али да чындап кетерине ишене элек болчу. Чоң үйдүн артындагы аянтчада аскер вертолету конуп турган экен, экөө ээрчишип барды да беркил узатуучу:

- Командириңер бул кызды вертолетко отургузуп кой, - деди деп аскер формасындагы вертолетту кайтарып турган чымыр денелүү жигитке кайрылды.

Арадан жарым саат өткөндөн кийин вертолет абага көтөрүлүп, тоолордун үстүнө чыкканда гана Фаризат чындап "тозоктуу жерден кутулдум окшойт" деп үшкүрүп жиберди.

Жанаша отурган сулууча адам:

- И-и чоң кыз туткундан бошонгонуңа эми араң ишендиң го, - деп жылмая карады Фаризаттын оюн билгенсип. Фаризат туруп-туруп эле буркурап ыйлап жиберди.

Фаризат болоктоп, деги көпкө ыйлады. Жанаша отуруп бараткан сулууча адам соороткондун ордуна кайра: - Ыйлап ал. Бугуң чыккыча ыйла. Буктун ичте калып, жүрөгүңдү эзип жүргөнүнө караганда, ый менен чыгып кеткени жакшы, - деп койду да, кайдыгер, көңүл да бөлбөй отуруп алды.

Вертолетто кошо учуп келаткан башка беш эркектин бири да Фаризатка жакындан сөз айтмак түгүл, жакшылап көңүл буруп да коюшпады.

Көрсө, жанында отурган Азият экен. Калгандары анын жигиттери болуп чыкты. Азияттын темирдей тартибине көнгөн жигиттердин бири да ашыкча кадам жасабасын кийин билди го.

Фаризат ыйын токтотуп эсине келгенден кийин да эч нерсе сүйлөгөн жок.

Үч сааттан ашык учкан вертолет бир жерге келип конгондо, түн ортолоп калса керек. Сыртка чыгышканда үч жеңил машина күтүп турган экен. Азият бир жигитине, чакырып бир нерселерди айтты да, өзү ортоңку машинага дайыма жанынан чыкпаган жигити менен отурду. Фаризатты арткы машинага отургузушту. Машиналар шаарды аралап, зыпылдап жүрүп отуруп, светтери жаркыраган жер астындагы гаражга келип токтоду. Көп сүйлөбөй кыска-кыска буйрук бере сүйлөгөн жигит Фаризатты шыпылдаган жаш келинге ээрчитип келип тапшырды. Ал келин да кадимки аялдарча, какшанып сүйлөй бербейт экен. Фаризатты үнсүз ээрчитип алып, чакан саунага алып келди да:

- Шашпай аябай таза жуунуңуз. Анан мен сизге эс алуучу бөлмөңүздү көрсөтүп коем. Тигил кнопканы бассаңыз мен келем. Сүлгү, самын, шампунь баары бар. Бүт кийимдериңизди тигил коробкага таштаңыз. Ич кийимдериңизден бери жаңысын беришет, - дегенде:

- Өзүмдүкү деле жаңы. Бүгүн эле кийгем, - деди эле...

- Бизде тартип ошондой. Шефтин буйругун так аткарабыз. Кам жебеңиз. Сизге өзүңүз кийгенден да артык, мыкты кийимдерди беришет, - деди жылмая күлүп туруп.

Фаризат дайрага аккан чамындыча баарына кайыл болуп калгандыктан, талашкан деле жок. Жөн салды гана айта салган. Ошентсе да, тири укмуш кооз саунада аябай рахаттана жуунду.

Жуунуп бүтүп чыкса, ич кийимдер анан жаңы халат туруптур. Тандап, өзүнө чагын кийди да, жеңил халатты кийип, баягы кнопканы басты. Арадан минута өтпөй жанагы келин пайда болду.

- Жүрүңүз, - деди да, дагы ээрчитип жөнөдү. Татынакай жасалгаланган жатуучу бөлмөгө алып келди да:

- Сиз кичине күтө туруңуз. Азыр ысык тамак апкелет. Азырынча суусундук иче турсаңыз болот, - деп үстү тасмал менен жабылган столду ачканда Фаризаттын көзү жайнай түштү. Ошондо курсагынын оңбогондой ачканын эстеди. Түрлүү жемиш. Өмүрү көрбөгөн жемиштин ширелери, икралар, балыктын эки-үч түрү, колбасалар туруптур.

Ой ошондогу тамактанганын эстеген сайын күлөт. Тим эле жуттан чыккансып ичи ооруп, ордунан араң туруп басканга жарагыча ичип-жей бериптир. Тамактангандан кийин тим эле магдырап уктаган экен. Эртеси ойгонсо, күн көтөрүлүп калыптыр. Тозоктон бейишке кантип түшкөнүнө түшүнбөй, бир топко төшөктөн турбай жатты. Ордунан турары менен кечээки келин күтүп тургансып пайда боло калды. Жуунуп, өзүн ирээтке келтиргенден кийин, кайрадан кечиндегиден да ашкан, түрлүү тамактар менен тамактанды. Анан баягы келин ээрчитип алып, бир бөлмөгө алып барды эле, ал жер врач-гинекологдун бөлмөсү экен. Фаризатты тыкан текшерип чыкты. Канын алды. Ден-соолугу жөнүндө суроолорду берип көпкө тактады.

Бул жерде эч ким зордуктабасына көзү жетип калган Фаризат, чындыкты гана айтып берди. Анан кайра жатуучу бөлмөсүнө жеткирип коюшту.

- Мен кайдамын? Мени коө беришеби?, - деген өңдүү суроолоруна эч кимден жооп ала албады.

- Аны учурунда көрөсүз. Эң башкысы эч тынчсызданбаңыз. Сизге эч ким кысым көрсөтпөйт. Бир тал чачыңызга да тийбейт. Кичине күтө туруңуз. Шеф бошогондо, өзү сизди кабыл алат, - деген гана жоопторду алат.

- Шефиңер ким? - дегенге:

- Аны өзүңүз билип аласыз, - дешип жылмайып коюшат.

Түштөн кийин баягы келин бир жигитке, эки чемодан тирлүү кийимдерди көтөртүп келип, Фаризатка улам бирин кийгизип, өзү аябай тандады.

- Сиздер мени сулуулардын конкурсуна катыштырганы жатасыздарбы?, -деген өңдүү суроолоруна жооп ала албады.

-Эч кам жебеңиз, баары жакшы болот. Эс алыңыз. Өзүңүздү кармай билиңиз. Баары жайында. Сиз ойлогондой болот, - деген өңдүү каймана жоопторду кайрадан укту.

Кантсе да жапайы боевиктердин колунан кутулганга санаасы тынып кубанганы менен, бул сырдуу жер, сырдуу мамиле да жүрөгүн дүпөйүл кыла баштады. Терезеден сыртты караса, гүлзарлар тигилген калың жемиш багынан башка эч нерсе көрүнбөйт. Өзүнүн кайда келип калганын да билбейт.

Кечки тамактан кийин баягы келин кайра келди да, күндүзгү экөөлөп тандаган бир сыйра кийимди кийгизди. Чоң күзгүнүн астына отургузуп алып, оо көпкө чачын жасалгалап чыкты. Колдорун, көздөрүнөн бери өзү боөду. Иштеген ишинен өз ишин мыкты билгени көрүнүп турду. "Бардык даярдыктар бүттү" дегенден кийин "Сиз кичине күтө туруңуз", - деди да, беш минутага бир жакка барып келди.

Фаризат өзүн-өзү күзгүдөн көрүп тааныбай турду. Тим эле, жомоктогу периштедей сулуу кыз күзгүдөн карап турган эле.

- Жүрүңүз, - деп жылмайып карай, баш ийкеп койду да, дагы ээрчитип жөнөдү. Экинчи кабатка көтөрүлүшүп, бир бөлмөгө кирсе, вертолет менен чогуу учуп келген сулуу адам жалгыз олтуруптур.

Азыр гражданча жеңил кийинип алыптыр. Жарашыктуу кийингенден улам болсо керек, Фаризатка баягыдан да жылдыздуу көрүндү.

- Кириңиздер, - деп күлүмсүрөй тосо чыкты.

- Мага рахым этиңиз, - деп берки келин ийилип койду да Фаризатты тигил адам менен жалгыз таштап, "шып" чыгып кетти. Фаризат карышкырдын астында калган козуча бүрүшө түштү.

- Өтүңүз. Кандай эс алдыңыз. Биздикилер сизди капа кылышкан жокпу? -деди тигил адам жумшак сүйлөп.

Бул табышмактуу адам кечээ эле боевиктер менен базардагыдай соодалашып өзүн сатып келгенин, эми каалагандай урунууга укуктуу экенин, "Жок, мен деген адаммын. Мен силерге буюм эмесмин соодалашкыдай, бириңер сатып, бириңер сатып алгыдай" деп айта турган укугу да жок экенин, азыр мындан аркы жашоо-турмушу ушул адамдын көңүлүнө, каалосуна жараша болоорун. Эгер жакпай калса ар кимдин тепсендисинде калган тряпкага айланышы да мүмкүн экенин, эгер бул адамга жакса анда жок эле дегенде катардагы сойкулардын кейпин кийбей сыйлуу жүрөрүн түшүнбөгүдөй Фаризат анчалык деле акыл-эси алабармандардан эмес болчу. Анын үстүнө каны аралаш болгону менен төрөлгөндөн чыгыштын тарбиясын көрүп өскөндүктөн чыгыш аялдарына тиешелүү эркектин астында ийменүү, тагдырдын ыгына көнүү менталитети да бар эле.

Табышмактуу кожоюну канчалык жумшак сүйлөсө да муундарын калтырак басып өзүн жакшы кармай албай турду. Анткени ушул жерге келгенден берки бир гана "Кимдин төшөгүнө алпарып мени жаткырууга даярдап жатышат" деген ой турган. Чынында ал түгүл минтип "кабинеттен жолугам" деп да ойлогон эмес.

"Түз эле жатуучу бөлмөгө алпарышат го. Мынча жасалгалап калды дагы бирөөлөргө сатабы?" деген да санааларга баткан.

Сырдуу адамдын суроосуна шак жооп бере албай мукактана түштү.

- Жакшы... Жакшы эле эс алдым. Эч ким капа кылган жок, - деди үзүк-үзүк сүйлөй. Тигил адам тим эле жутуп жиберчүдөй болуп суктана тиктеп турган экен. Көздөрүн тартып алды да жер карап сүрдөй: - Сизге рахмат - деп койду.

Тигил адам басып келди да Фаризаттын оң колунан кармап:

- Кел мындай отур. Сүрдөбө. Өзүңдү өз үйүңдөгүдөй кенен сез, - деди да жетелеп келип жумшак креслого отургузду. Эки фушерге жемиштин маңызын куюп келди да бирин Фаризатка берип экинчисин өзү ууртап койду да, бет маңдайдагы креслого буттарын кайчылаштыра отура кетти.

Фаризат ичинен "Жашы өтүп калганы гана болбосо жакшы адам көрүнөт. Кейпи мени бирөөгө белекке бергенге же сатканга деле ниети жок көрүнөт. Өзү менен алып калчудай го", - деп ойлогонго үлгүрдү.

- Фаризат эми мага өзүң жөнүндө шашпай кең-кесири айтып бер. Төрөлгөнүңдөн баштап, - дегеним. Эч тартынба. Тартына турган, уяла турган эч нерсең жок экен. Мага врачтардын билдиргенине караганда ден-соолугуң чың, абийириң таза экен. Чынымды айтайын сени кыз экен дегенде уккан кулагыма ишенбедим. Жанагы жапайы боевиктердин арасында жүрүп кантип аман калдың экен мага табышмак. Ошондуктан сени менен чын дилден сырдашкым келип турат. Байкасам өзүң да түшүнүктүү кыздардан көрүнөсүң, - деп жылмая карап койду.

Ошентип Фаризат Азиятка башынан өткөнүн бүт айтып берди. Өзгөчө акыркы окуяларды айтканда токтоно албай буркурап ыйлап жиберди. Ата-энеси бир туугандары эсине түшкөндө жанын коерго жер таппай ичи өрттөнүп кетти.

Азият дагы үнсүз сөзүн бөлбөй укту. Ыйласа сооротподу. Ыйлап-ыйлап алып, кемпир менен өзүнүн жоруктарын, боевиктердин жүрөгү түшкөнүн айтса Азиат боорун тыта күлдү.

- Кудайга шүгүр эгер сенин денеңди ошол жерден көргөндө мен да жаныңа жоломок эмес экенмин. "Аялдын акылы кырк эшекке жүк" - деген чын деп күлө берип көзүнөн аккан жашын жанынан жүз аарчысын алып сүрдү да, -Азамат экенсиң, өзгөчө жанагы кемпир азамат экен. Сасык жытты ойлоп тапканын - деп койду.

Экөө дагы бир топко сүйлөшүп отурушту. Фаризаттын тилинин учунда биртоп суроолор турса да бере албады. Анткени:

- Мен жөнүндө өзүң аста-аста билип аларсың. Аябай көптү билүүгө деле кызыкпа. Сага анын кереги жок - деп койду. Анан түз эле:

- Мага чын дилиңден мамиле жасап сыйлашыңды, ийменип акылымды, сөзүмдү угушуңду каалайм. Бизде тартип катуу, ашык кадам жасабаганга аракет кыл. Эгер өзүң күнөө кетирбесең бейиштегидей жашайсың. Күнөө кетирсең кечирим болбойт. Оюмдагыдай жүрө алсаң мен сенден эч нерсе аябайм. Мендеги бир адат көп учурда адамды биринчи көргөндө эле жактырып калмайым бар. Сен да биринчи көргөндө эле жактың. Анан сенин жанагы тагдыры белгисиз иниңди болгон мүмкүнчүлүгүмдү колдонуп издетем. Эгер тирүү болсо сөзсүз таптырам, - дегенде башка сөзү бир тең "Ушул иниң тирүү болсо сөзсүз таптырам" деген сөзү бир тең боло кубанып кетти. Улам уртап ичип отурган жемиштин маңызга анча зыянсыз өлчөмдө таза апийимден кошулгандыктан бара-бара Фаризаттын дене бою балкып жанагы карышкыр көргөн козудай жыйрылуусу жоголо баштады.

- Кана келип бул жерге отурчу,- деп Азият жанын көрсөткөндө тартынбай эле барып отура кетти.

Эртеси ойгонсо Азияттын кучагында жаткан экен. Алгач селт чоочуй түшкөнү менен түндөгү махабат жыргалын эстей кайра Азияттын колуна башын коюп үргүлөй ыктады.

Азият убадасына туруп инисин бүт Тажикстанды тинттирип издетти. Көп жерлерге экөө да барышты. Бара-бара Азиятты жөн гана кожоюнундай эмес чындап аялдык аруу сезими менен сүйүп калды. Эх арман, көрсө Азият аял сүйдүрө турган эркек тура.

Кайсы кара шайтан сайган күнү азгырылып Саидге жакындады десең. "Өзүмдүн ким экенимди көрсөтөм" деп ойлогон. "Кимге көрсөтөм?" деп ойлобоптур. Азияткабы? Азият ансыз да баалачу. Анда кимге? Алкаш Саидгеби? "Өз ордумду табам", - деген. Көрсө өз ордун таппай эле кайра ордунан алыстап качкан экен. Кылмыштуу жол менен, акча менен, өз ордуңду табалбайт экенсиң.

Полицейский ойношу канча эркелетип көңүлүндөгүдөй болгону менен жалгызсырачу болду. Баягы ата-энесинен, биртуугандарынан айрылганда жалгызсыраган. Бул дүйнөдө таптакыр жалгыз ээндикте калгандай жалгызсыраган. Анан Азиятка жолугуп ага көнүп кеткенден кийин таянары, карманары барча жалгызсырабай калган эле. Эми көптөн бери кайра жалгызсырап жүрөт. Чөлдө калгандай жалгызсырап жүрөт.

Көзүнөн мончок жаштар куюлуп кетти. Ордунан тура калды да сотка телефонун алып, Москвадагы тааныш кызына чала кетти. Өзүн жоготуп койду. "Азият кайдан телефон чалынганын билип коөт" деген коркунучту да унутту. Кудай жалгап кыз үйүндө экен. Өзүнүн ким экенин айтканда:

- Фаризат. Фаризат... сен тирүүсүңбү? Уккан кулагыма ишенбейм. Чын эле сенсиңби? - деди тааныш үн апкарый.

- Ооба. Менмин. Фаризатмын. Тип-тирүү элемин - деди берки ишенимдүү.

- Кудай турат го Фаризат. Сени бул дүйнөдө тирүү жок, - деп ойлочумун. Азият өзү жок кылып көзүңдү тазалап коюп "качып кетти", - деп койду го дечүмүн. Ал колунан баары келген адам эмес беле, - дегенде Фаризат "селт" - дей түштү.

- Эмне үчүн өткөн чак менен эмне Азият... сүйлөй албай калды.

- Сен уга элексиңби? Азиятты өлтүрүп кетишкенин уга элексиңби? У-уу жарым өмүрүңдү жоготупсуң мындай чоң сенсацияны укпай калып. Болгондо да үйүнөн чекеге атып кетишпедиби. Азиятың сенден айрылгандан кийин такыр башкача болуп калды, - деп уккам...

Фаризат өзүнүн болкулдап ыйлап жатканын биртопто барып билди. Тигил дагы көп нерселерди айтты окшойт. Түшүнбөй калды.

- Болуптур мен жакында сага Москвага учуп барам, - деп телефонду өчүрдү. Өзү төшөгүнө күп жыгылып тыбырап-тыбырап Азият... Азият мен акмакмын мени кечир!? Мендей сойкуну кечир!? Мендей шүмшүктү кечир!? деп боздоп ыйлады. Ыйын эч ким уккан жок. Үстүнө эч ким кирген жок. Жалгыз болчу. Мына өчөшүп "сага көрсөтөйүн" - деген адамынан да айрылыптыр. "И-и, мени колунан эч нерсе келбеген катардагы катындардай көрдүң беле. Керек болсо мен деген минтип да коө алам" - деп кекээрлөөчү адамынан да айрылыптыр. Эми кайда барат. Кимге кереги бар.

ххх

Пекин-Москва рейсиндеги самолет менен учуучу жүрүнчүлөр регистрациядан өтүп бүтүшүп, самолетко жеткирүүчү автобусту күтүп турушканда Шаанын көзү элге көп кошулбай өзүнчө турган сулуу кызга урунду. Кимгедир жолугарын. Жолукканда да жөнөкөй адамга эмес сырдуу адамга жолугарын аэропортко келатканда эле билген. Баягы тоодогу үңкүрдөгү ламага барып келгенден кийин ушундай баарын астына ала билип, сезип турган туюм пайда болгон. Мындай туюму күн сайын күчөп бараткан. Адамдарды бир карап туруп аурасын көрүп калган. Адамдын курчаган аурасына жараша кандай адам экенин, энергиясынын күчү канча экенин биле баштаган. Илимде "үчүнчү көз" деп айтылып жүргөн түшүнүктүн өзүндө пайда болгонуна алгач түшүнбөй таңданса бара-бара көнүп аяр урунууга аракеттене баштаган эле. Ошентсе да өзүнө берилген белгилерди толук чечмелөөгө үйрөнө элек кези.

Сулуу жаш кыздын аурасы түбүндө таза болгону менен кийин турмушта аябай кирдеп бузулганын, кыздын азыр ошол кирдеген аурасынан жапа чегип кыйналып турганын, андан башка да башында оор кайгы барын, ичи бышып баратканын билди. Ошону менен катар эле кызды Москвада жеңил жол эмес оор жолугушуулар күтүп турганын билди. Кыз мүмкүн Москвага учпай деле койсо болмок.

Кызык эмне үчүн өзү кызга тартылып жатат. Мына ушуга түшүнбөдү. Кыздын сулуулугуна эмес. Муну так билет. Аурасы мынчалык кирдеген кызга тартылмак эмес. Сырткы сулуулук алдамчы болоорун, ички сулуулук гана чыныгы сулуулук экенин апачык көрүп туруп кыздын сырткы сулуулугуна кызыкмак эмес. Кызда Шааны кызыктырган бир сыр турду муну көрүүгө Шаанын күчү жетпей жатты. Кыздын аурасын аралап анда-санда пайда боло калган күчтүү ак шоола чагылгандын огундай жарк дей түшөт да жоголот. Жакыныраак басып келди да өзү энергия жиберип кыздын башында айланган кир энергиянын толкундарын билгизбей тазалады эле кыз кадимкидей эс алып, көңүлү ачылып, тегерегиндегилерге көңүл бура баштады. Ал түгүл Шааны да бир жолу жоодурай карап койду. Кызды митиска экенин Шаа билген. Өзбечка же тажичка деп ойлогон.

Бул сырдуу сулуу Фаризат болчу. Гонконгдон Москвага чукул рейс жок болгондуктан Пекин аркылуу учуп жаткан. Жүрөгү алеп-желеп болуп Азиятты эстесе кайгырып, дос кызына жолугарын эстесе кубанып өзүнө келе албай турган. Шааны карап алып "Казак же кыргыз болсо керек" деп ичинен ойлоп койду да "Жылдыздуу жигит экен. Жашы деле менден көп болсо 2-3 жаш улуу болбосо тең курбал окшойт" деген тыянак чыгарып койду. Көзүнө Москвага учуп жаткандардын баары жакшы көрүнүп турду. Эл-жерин сагынганын туйду.

Көп күтүшпөй жүргүнчүлөр самолеттон орун алышты да аба лайнери Москвага бет алды. Эки катар астыдагы орунтукта отуруп бараткан кызда кандай сыр бар. Эмне үчүн алтынчы туюму "Кыз менен тааныш. Колдон чыгарба" деп жатат. Кызды анда-санда жарк деп курчап өтүп кайра жок болгон эмне жарык түшүнө албай Шаа бушайман. "Бриллиант жыландын" сырын, кайда экенин билген дүйнөдөгү жалгыз адам кыз экенин Шаа ойлогон да жок. Кызды кытайда челнокчулук соодада, же сойкулук кылып жүргөн неме го деп ойлоюн десе өзүнө келген белгилер башкача.

Кандайдыр бир улуу күчтүн таасири уруп турганы түшүнүксүз. Ичинен "балким кыз тукуму жакшы ак сөөктөн чыккан немедир, ошонун касиетидир" деп ойлоп койгону менен "кантип сүйлөшүп кепке тартсам" деп жолун издей баштады. Шаадагы кудурет "Бриллиант жылан" менен кызды байланыштырууга жетпеди.

Самолет тибеттин сырлуу тоолорунун үстүнөн зымырап учуп баратты. Дүйнөдөгү эң күчтүү сырлар, адам баласына али белгисиз укмуштуу энергиянын топтому жаткан аймактын үстү менен баратканын сезген Шаа колунан келишинче өзүнө энергия топтоп алуу үчүн орунтугун чалкалатып көздөрүн жума транска түшүп кетти.

Шаа транстан самолет казактын талаасына келгенде гана чыкты. Өзүн бир башкача күчтүү, жеңил сезип калган экен. Көзүнө биринчи урунганы кыз болду.

Белгилер азыр биртоп ачык келе баштады. Кызды астыда коркунучтуу жолугушуу күтүп турат. Андан бир сактаса Шаа гана сактап кала алмак. Кыздын өмүр жолу татаал жана оор болгон экен. Киши канына сабын болгонун да көрдү.

Сыртынан татынакай көрүнгөн ушундай кыздын мынчалык оор окуяларга криптер болгонуна ким ишене алат.

Самолетто бараткандардын дээрлик бардыгы көрпенделик күнүмдүк кызыкчылыктын туткуну болгондор. Кыз деле күнүмдүк кызыкчылыктын туткуну. Бирок андагы кандайдыр бир сырттан берилген касиет аны сактап өзгөчөлөнтүп турат экен.

Кыздын башына өтө көп жаман ойлор толуп алган экен, өзүн-өзү кыйнап баратат.

Фаризатка жанаша отурган улгайган адам тамеки чегүүгө чыкканда артынан кошо чыккан Шаа "Эгер туура көрсөңүз орун алмашып отурбайлыбы? Мен тигил кыз менен өң-тааныш элем сүйлөшүп барайын" - деди эле тигил адам "Мейлиң. Мага айырмасы жок" деп койду.

Бейтааныш адамдардан боюн качырып оңой менен мамиле жасабаган Фаризат Шааны эски таанышын көргөндөй жылуу кабыл алды. Бул Шаанын гипноздук таасиринен экенин билген жок.

- Саламатсыз!

- Саламатчылык!

- Эгер жаңылбасам тажик кызы болсоңуз керек?

- О-оба. Тажик кызымын.

- Өзүңүз казак же кыргызсыз го?

- Кыргызмын.

- Студент же илимге аралашкан адам болсоңуз керек?

Шаа кыздын баамчылдыгына баа берди.

- О-оба. Илимий иштер менен жүргөнүм чын. Тим эле чекемде жазылып тургандай таамай айттыңыз го.

Фаризат өзүнүн болжоосу туура чыкканына курсант боло жылмайып койду да:

- Соодада жүргөнүңүз байкалбайт. Ошондон улам айттым,- деп койду. Жөн салды гана.

Экөө кытай жөнүндө, келип-кеткендер, соода жөнүндө көпкө сүйлөшүштү. Шаа канчалык сөздүн оңтоюн келтирсе да Фаризат өзүн жөнүндө эч нерсе айтпады. "Кытайга жөн-жай соода кылсам кандай болот" деп билгени келдим эле,- деп жооткотуп койду.

Убакыт болсо билинбей өтүп самолет конууга жакындап калды. Шаа шашпаса болбойт эле. Ошондуктан түз чабуулга өттү.

- Сизди жолдош кызыңыз күтүп турат. Сизди башка да бирөөлөр күтүшүүдө. Эмнеге экенин билбейм ниеттери жаман немелер. Кыскасы жакшылык менен эмес, - деди эле Фаризат "селт" этип өңү бозоро түштү да Шааны алая карады.

- Кайдан билесиң? дейсизби. Чочубаңыз. Мен сизди биринчи жолу аэропорттон көрдүм. Буга чейин сиз жөнүндө эч нерсе билчүү эмесмин. Кудай турат бул чындык. Болгону менде башкалардын келечегин, ойлогон ойлорун билип койгон касиет бар. Ишенбей атасыз. Жөн гана ишенип коюңуз. Менин сизге кылдай арам оюм жок. Сиздин башыңыздан өткөн чоң коркунучтуу иш бар. Ал аяктаптыр. Бирок сиз катуу коркуп калгансыз. Сырдуу күтүүчүлөр да ошол ишке байланыштуу болушу мүмкүн.

Фаризаттын муундары калчылдап эмне ойлорун билбей калды. "Азияттын жигиттери күтүп турган го" - деп ойлоду.

- Сиз ойлогон кишинин жибергендери эмес тап-такыр башка тараптан. Аларды балким сиз билбейт да болушуңуз мүмкүн, - деди Шаа Фаризатты кыйгач карай.

"Бул чын эле менин ойлогонумду бүт билип жатабы же психологиялык оюн кылган Азияттын жигиттеринин бириби" - деп мелтирей тескери карап ойлоду, Фаризат. Жанагы жайдарылыктын бири да калбады. Шаа дагы үнүн пас чыгара:

- Мен эч кимдин жигити эмесмин. Дагы кайталайын буга ишениңиз. Эч кандай оюн да койгон жокмун, - дегенде Фаризаттын айласы даана кетти.

- Мен эмне кылышым керек - деди Шаага жалооруй карап.

- Сиз күткөн кызыңызга жолугуп кичине сүйлөшүп алаксый туруңуз. Аңгыча мен такси кармап келе калам. Анан сизди аңдуучулардан кутулууга аракеттенебиз.

- Макул! - деди Фаризат ойлонбой туруп. Самолет Шереметового конуп жаткан эле.

Шаа шашыла элден биринчи түшүүгө аракеттенди. Кетип баратып

- Мен кармап келген таксиге кармалбай шак отургула - деди.

Шаа узагандан кийин Фаризаттын башына бир ой келди. "Балким Шаа алдап ойнотуп жатсачы. Оңой колго түшүрөйүн деген амалыдыр. Коөтур, буларга көргөзөйүн" - деди да, жанындагы сумкадан чоң кара жоолук алып чыгып араптарча чүмкөнө салынды да узун плашын кийип таанылгыс боло түштү. Бажыканадан өтөөрү менен ар бир аялды жалдырай тиктеп турган дос кызынын жанынан тескери карап өтүп кетти да көп кармалбай жалгыз таксиге отуруп зуу койду.

Чын эле дос кызын алысыраактан акмалап турган эки жигитти байкады. Азият менен жашап жүрүп андай жигиттерди жаземдебей таанып калган. Дос кызы Фаризатты ары-чуркап, бери-чуркап издеп таппай калды. Ушул рейс менен учуп баратам деп чалганы чын болчу. Эмне болуп кеткенине түшүнгөн жок.

Шаа такси менен келип Фаризатты таппай калды. Артыбыздан куугунтук болушу мүмкүн деп атайы жаңы "Мерседес" айдаган жаш жигитке сүйлөшкөн болчу. Фаризатты издеп алактаган кызды оңой эле тааныды. Фаризат Шаага ишенбей жалгыз качып кеткенин түшүндү.

- Сиз Фаризатты күтүп жаткан жоксузбу? - деди жакын келип.

- О-оба. Ага эмне болду. Келбей калдыбы? - деди кыз шаша.

- Баары жайында. Жүрүңүз. Калганын жолдон айтып берем, - деди эле, кыз көп тартышпай эле келип машинага отурду. Гипноздук таасир берип кызды көп сүйлөтпөй алып кетпесе тигил аңдыгандардан кутулуу кыйын болоорун түшүнгөн Шаа ушул жолго барды. Жай сүйлөшүп бараткан кишиче басып баратып шак машинага отурушту да зуу коюшту. Машинага отураары менен шоферго "Катуу айда" деди Шаа акырын.

Аңдыгандар шашып калышты. Ал түгүл номерин көргөнгө да үлгүрүшпөдү. "Мерседес" түнкү караңгылыкка сиңип кетти.

Фаризатты күткөндөр чынында эле Азияттын жигиттери эмес болчу. Азият катып жүргөн жана жалгыз өзү билген "казынанын" ээсинин жигиттери эле.

Азият күтүүсүз өлгөндөн кийин, таза Ооган апийими катылган "казына" кайда экенин биле алышпай отко-сууга түшүп жатышкан. Азияттын жакындарынан эч ким билбейт экен. "Казынанын" шегин бир билсе Фаризат билиши мүмкүн болчу. Ошондуктан Фаризатты издетүү кайра күчөп башталган.

Фаризат мамилеси дос кыздары аз болчу. Бири ушул Москвадагы кыз. Фаризат менен бир учурда окуган. Бул кыздын ата-энеси да согушта жок болушкан. Эки агасы менен Фаризаттын Москвадагы дүкөнүн иштетип Фаризат сатып берген үйдө турушчу. Телефон дайыма тыңшоодо болгондуктан Фаризат чалары менен аңдуу күчөтүлгөн.

Шаа жолду карата кызга кыскача түшүндүрмө берди.

- Менин билишимче силердин телефонду кимдир бирөөлөр тыңшоого алып Фаризат менен сиздин сөздү уккан да Фаризаттын келишин күткөн. Телефонду угуу дагы улантылат. Сиз эгер Фаризат телефон чалса түз эле "Телефонду тыңшап угушууда" деңиз да сүйлөшпөй коюп коюңуз. Сизди Фаризатка мен башка жерден жолуктурууга аракеттенем, - деди.

Гипноздук таасирден жакшы чыга албаган кыз оңдуу сүйлөй да албады. Өзүнө да жакшы келген жок. Шаа кызды биринчи көргөндө эле Фаризатка кылдай арам ою жогун билген. Кызды үйүнүн жанына ташташты да түнгө сиңип кете беришти. Машина жүрүп кетээри менен эсине келген кыз "Өңүмбү, түшүмбү. Мен кайдамын?" деп эки жагын карап үйүнүн жанында экенин көргөндө эмнелер болгонуна көп башы жетпей үйүнө бет алды.

Шаа "Оңой куу эмес экен. Кара мага ишенбей кандай жолго барган. Демек, чын эле мында чоң сыр бар", - деп Фаризат жөнүндө ойлоп баратты. Эми аны Москванын кайсыл булуңунан табаар экен.



Үчүнчү китепке отуу учун картинканы басыныз


Поделиться