Чолпонбек Абыкеев


Бриллиант жылан


(Чыгыш детективи)

Үчүнчү китеп



Фаризаттын дос кызын түшүрүп коюп Шаа мурда жатып жүрчү аспиранттардын жатаканасынан келип орун алды. Бул жатаканада мурун студент кезинде бир нече жыл жашагандыктан бардыгы жакшы болчу.

Бир сыйра сууга чайканып сергигенден кийин чалкасынан түшө диванда ойго батып жатты. Москвага келгендеги биринчи планда Кытайда жүргөндө жыйнаган илимий иштерин ирээттеп, убакыт өткөрбөй чыгыш фольклору боюнча темасына ылайык кандидаттыгын жактап койсом деп ойлогон. Экинчи планында кытай легендаларында айтылып жүргөн Хантеңир тоо кыркаларындагы ак кар баскан мөңгү арасындагы жайы-кышы тоңбогон, кайнаган ысык көлчөнүн таасири менен жээги жайы-кышы дебей жапжашыл болуп турган көлдүн сырын Кочкор өрөнүндөгү Ара-Көл аталган чакан көлдүн сырын изилдесем деп ойлогон.

Туура, колдогу китептин сырын табыш эстен чыкмак эмес. Болгону, Линин кызынын артынан сая түшүп кубалоого мүмкүнчүлүк жок болчу. Англис тилинде жакшы сүйлөй албагандыктан Америкага барса кыйналып калмак. Экинчиден ички туюму да "кайра артка кайт" деген белги берген.

Минтип күтүүсүз Фаризатка жолугуп отурат. Фаризат бир минута да эсинен чыкпады. Бул кызда эмне сыр бар. Кеп ошондо турат. Ички туюму экөөнү байланыштырып тарткан кандайдыр бир күч бар экенин билгизүүдө. Шаанын ички туюму эч убакта алдабайт. Демек, Фаризат менен жакшылап таанышуу керек. Москва чоң шаар, бирок, Фаризат менен кайра жолугушаарын билип турду. Бүгүн тынч уктап жакшы эс алуу керек. Эртең жан тынбай жүгүрө турган иштер күтүп турат деп ойлой уйкуга кетти.

ххх

Бул маалда биринчи Фаризатты андан кийин анын жолдош кызын да колдон чыгарып жиберип таппай калышкан тыңчылар шефинин алдында шөлбүрөп турушту.

Мойну күрсүйүп, дугдуйган далысы кучак бою эки метрге чукул келген шефтин кыжыры келгенинен көздөрү кызарып кетти.

- Кантип Фаризат учуп келген жок? Мен жарым саат мурда эле Пекин менен байланышкам. "Фаризат учуп кетти" деп билдиришкен. Көңдөй баш акмактар. Силер оозуңарды ачып жүрүп колдон чыгарып жибердиңер. Мен силерге эмне дедим эле. Эгер колдон чыгарсаңар каныңарды ичем дебедим беле? - деп күркүрөй ордунан туруп тигилерди көздөй басканда, экөө кетенчиктеп артка качышты. Бири жалооруй сүйлөдү.

- Шеф, Кудай акы экөө жолугушкан жок. Кантип сизге калп айталы? Кайдан чыга калды билбейбиз, бир шыпылдаган неме пайда боло калды да Фаризаттын дос кызын машинага салып зуу койду. Кейпи, тааныш немелерби. Түшүнбөй калдык. Балким, органдын кызматкериби? Күбөлүгүн көрсөтүп, салып кеттиби? - деп да калдык. Жөн эле сүйлөшүп баратышып күтүүсүз машинага түшүштү да, көздөн кайым болушту.

Дагы мүмкүнчүлүк бериңиз. Эгер Фаризаттын келгени чын болсо сөзсүз дос кызы менен байланышат. Түз эле үйүнө баралы да, жанагы кылтыңдаган сойкунун мойнун толгоп кармап туралы. Байланышка чыгары менен тез үйгө кел же бир жерден жолугалы деп сүйлөштүрө салабыз. Анан бизден кутулуп көрсүн.

Ачуусун дайыма муштумун шилтөө менен басчу шефи бул жолу тигилердин ичин эзбеди. Эмнегедир токтоло ойлонуп калды.

Фаризат эмне үчүн дос кызы менен жолугушкан жок?- деген суроо турду. Атайы учуп келаткандан кийин сөзсүз жолугушмак. Эгер бир нерседен шекшинсе, Пекинден эле учпай коймок. Кайра Гонконгко жылт койсо, саманга түшкөн ийнедей дайынсыз болбойт беле. Демек, жолдон бирөөлөр эскерттиби? Балким, буларды башка да аңдып жүргөндөр бардыр. Эгер болсо, кимдер? Жогор жактагы босстор ишенбей, дагы кошумча бирөөлөрдү жалдаганбы? Балким, тигил дөөпүрөстөр айткандай органдын кызматкерлеринен болсочу? Кандайча? Андай болушу мүмкүн эмес. Милицияда да, комитетте да өз кишилери бар. Эчак кабар кылышмак. Даана башы айланып калды.

Тиги экөөнө "дагы үч-төрт жигит алгыла да жанагы дос кызын барымтага алып кармап тургула" деп өздөрү сунуш кылган акылга макул болсо, күнөөкөр болуп араң турган баш кесерлер тим эле иштин чаң тозоңун чыгарышканы турат. Азыр эле барып жанагы кызды чыркыратып басып калышмак. Ишти бүт тескери айландырып алып эртең башы менен жооп берип калсачы? Кой, кандай болсо да жогор жак менен акылдашайын дейт. Кайра угаар тилинен коркот. "Бир катынды колго түшүрө албагандан кийин сендейдин барынан жогу жакшы" - деп коюулары да мүмкүн. Ансыз да буга чейинки бир тапшырманы жакшы аткара албай калып "Сен чочко семирип бүттүң. Жакында майыңды ышка кактайм" деген жүрөк титиреткен сөгүүсү менен кекээр сөз уккан.

Ушуларга башы катып кандай чечим чыгарарын билбей, жонунан чыпылдап тер чыгып кетти. Кайра ордуна барып оор денесин шалк таштай, чекесин басып ойлонуп отуруп калды.

Өпкө боорлору эзилгидей муштум жебей калгандарына берки экөө жеңилдене дем алышты да, убактылуу болсо да жаныбыз аман калды дегенсип бири-бирин карап коюшту.

Акыры бир чечимге келди көрүнөт, чечкиндүү буйрук берүүгө өттү.

- Берки кыз азыр үйүндө экенине ишенесиңерби?

- О-ооба. Жаңы эле телефон чалсак өзү алды.

- Демек мындай. Таң аткыча телефонун да үйүн да аңдууга алгыла. Фаризат кайда экенин билгизип, кабар берүүсү мүмкүн.

Менин оюмча тигини барымтага алсак эле Фаризат чуркап келбейт. Эгер биздин шегибизди билсе, Фаризат тескерисинче таптакыр жоголот. Дос кызын өлтүрмөк түгүл үй-жайы менен өрттөйбүз десек да кайыл болот. Мендеги билдирүүгө караганда Фаризат дегенибиз жаш болсо да машыккан атайын агенттей болгон кара мүртөз катын. Демек, сак бололу. Эң башкысы Фаризат эмнеден шекшинип, дос кызы менен жолугушкан жок? Кимдер аны чочутуп койду? - ушуну билсек болот эле. Буга чейинки телефондогу сүйлөшүүлөргө караганда, ал эч нерседен шектенбей шар келаткан болчу. Азият өлгөндөн кийин мени эч ким аңдыбайт. Эми эч кимге керегим жок деп ойлогон болуш керек эле. Самолөтто келатып эмне себептен ою бузулуп кетти, таңмын. Балким, саксынып текшерип көрүүнү ойлогондур. Эгер андай болсо акыры байланышка чыгат. Башка сыры болсо жан жерден тер чыккыча чуркоого туура келет.

Баса, жанагы тааныш кызын салып кеткен неме ким? Билишибиз керек.

- Ал шуркуя үйүнүн жанынан өзү жалгыз түшүп калыптыр. Аларды апкелген таксистти таап сурасак "экөө тең азиялыктар экен, өз тилдеринде сүйлөштү. Эмне сүйлөшүшкөнүн билбейм" - дейт. Балким, чын эле өң тааныштарыдыр. Эркеги болсо метродон түшүп калыптыр. Ошентип, кандай неме экени да белгисиз болуп калды. Таксисттен "көрсөң тааныйт белең?" десек, жүлжүк көздөрдүн баары тең бири-бирине окшош. Тааный албайм го. Анын үстүнө түн болгондуктан жакшылап да карай албадым - деди, тигилердин бири бат-бат сүйлөй.

Аэропорттон адашып калышаары менен үйдү байкоого алгыла деп телефон чалышкан болчу. Байкоочулар таксинин номерин жазып алып артынан аңдууга алышкан.

Жигиттеринин анчалык деле шалаакы эместигине ичтен кубанса да, шефи сыртынан сыр бербеди.

- Экинчи, бүт мейманкана аттуулардын баарына телефон чалып, Фаризаттын өз паспорту, анан Кытайдан учуп келгендеги паспортундагы аты-жөнү боюнча издөө салгыла деди.

ххх

Фаризаттын көзүнө Москва тим эле өз үйүндөй көрүнүп кетти. Ал түгүл орустар бир тууганындай жакын туюлуп, өзүн өз жергесине келип калгандай сезип, таксиде толкунданып келатты. Шаарды көп аралабай четкерээктеги жакшы мейманканалардын бирине токтоону чечти. Өзүнө ашыкча документ сактоочу эмес. Ошондо да кол сумкасынын түбүндөгү катуу кардондун астына баягы Алматыдан алган паспортун жоготпой сактап жүрчү. Эртедир-кечтир кайрылып келери мүмкүн эле да. Чыныгы документин качан болсо жасатып алууга болот. Түп нускасы акыркы каттоодо турган жеринде Душанбедеги Университеттин жатаканасынын паспорт столунда сакталуу. Ал эми жаңы документ жасатуу кыйын. Саиддей шылуундар ар бир булуңдан жолуга бербейт да.

Москвада так ошол казак паспортун пайдаланууну чечти. Фаризатты издөөчүлөр самолөтко билет алып таможнядан өткөн Гонконгдон алган паспортундагы аты-жөнү менен же чыныгы аты менен издешет. Казак кызы жөнүндөгү документин Саидден бөлөк жан билчү эмес. Ал эми Москвада казактардан көп неме жок.

Чакан болсо да абдан жайлуу, жасалгалуу мейманканадан орун алгандан кийин жылуу ваннага чайынып сергиди да, бөлмөсүнө алдырып жеңил тамактанды. Жолдогу окуялар тынчсыздандырганы менен көңүлү көтөрүңкү болчу. Шаа деген немеден жылт коюп кутулуп кетип туура кылдыбы же жаңылыштык кетирдиби, таразалагысы да келбеди. Бүгүн жөн гана тынч жатып эс алгысы келип турду. Калганын эртең көрмөк.

ххх

1992-93-жылдардын аралыгында Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад өңдүү шаарларындагы базарларында "көчө балдары" аталган 10 жаштан 13-14 жашка чейинки үй жайынан качып жүргөн, же баягы союздун учурундагы балдар үйү жабылып көчөдө калган, кайыр сурап, базардагы майда жумуштарды аткаруу, чөнтөк уурулук, тономой менен күн көргөн мадыра баш суу мурундарды бири-бири менен жылаңач кол, эч эрежесиз былчылдаштырып мушташтырып жеңүүчүлөрүнө байге бергендер, көрүүчүлөрдүн ким канча беришине жараша каражат чогултуп мындай "ит мушташка" катышууну каалагандарга бөлүп бергендер чыккан. "Ит мушташ" аталган мындай эрөөлгө таяк жесе да, жок дегенде курсакты бир жолу мыкты тойгузгудай акча алыш үчүн "базар балдары" табыла берчү.

"Ит мушташ" оюнун уюштуруучулар кимдер? Анын түпкү максаты барбы? Эч ким маани берип кызыкпады. Бийликтеги баш-аламандыктан коррупция гүлдөп, чиновниктер эптеп өз чөнтөгүн толтурууну гана көздөгөн мезгил эле да.

Сыртынан караганда бул бир "базар балдары" эптеп жан багууга акча табыш үчүн чыгарган оюндай сезилчү. Айрым бир учурда бири-бирин теридей тепкилеп топуракка, баткакка оонатып жаткан балдарга жаны ачып кеткен боорукер участкалык милиционер жолугуп оюнду таратып жибербесе, атайылап издеп келип көргөн көрүүчүлөрү да көбөйө баштаган. Оюнду уюштуруп жүргөн орусча да, кыргызча да оңдуу сүйлөй албаган шектүү адамдарга кызыккандар да болбоду. Барыдан да кызыгы, топураган көпчүлүк көрүүчүлөрдүн ичинен бир нече мелдеште удаасы менен жеңип, өзүнүн шамдагайлыгын, өжөрлүгүн, чыдамкайлыгын көрсөткөн өспүрүмдөр кайдадыр дайынсыз жоголуп жаткандыгына кызыккандар деле болбоду. Айрым учурда "баланча" кайда? Ошол мушташса болот эле? деген суроо чыкса, "Ата-энеси таап алып кетиптир. Үйүнөн качып жүргөн жубарымбектерден экен" деген гана кыска жооп угушчу. Ошо менен баланы суроо болчу эмес. Мындай кара мүртөз, каардуу оюндарды уюштуруучулар келечек баш кесер, жан кечти желдеттерди даярдаган атайын лагерлерден тапшырма менен келген эмиссарлар экенин, алар "жакты" деген бекер "товарларды" этап-этап кылып эки-үчтөн "борборго" жөнөтүп турушканын эч ким билбеди. Ошентип, базарларды тажаткан сурап алаары, карап алаары жок тентимиш тентек балдар дайынсыз жок болуп, соодагерлер да "ураа кутулдук" деп кубанган менен арадан он жыл өтпөй атактуу профессионал террорчу болуп башка бир жерден эч ким түбүн билбеген жасалма ат менен чыга келишкенине ким кызыкты дейсиң. Деги, кызыгуунун кимге кажети бар эле.

Көл боюндагы кичинекей шаарчадагы жетимканага көздөрү төгөрөк, өңү кара тору, эриндери калбыйган өз жашындагы балдардан олбурлуу, сөөк-саактуу бул баланы ким таштап кеткенин эч ким деле билбейт.

Ачка-тогун билгизбей дайыма бир калыпта жүргөн мүнөзүнөн, дайыма кербезденип башка жетимдерге окшоп тарбиячыларга ашыкча жагалданып жагынмайы жогунан "Мырза" аттуу кличкага татыктуу болгон. Кийин ал түгүл жетимканадагы документине да таштанды атын которуп, Мырза деп жазып коюшкан.

Мырза окууну ортодон жогору ашыкча тил укпагыдай окуган менен кол арага жарагандан тартып жетимканадагы жумуштун көбүн мойнуна алчу. Деги кара жумуш дегенди дүмүрөңдөп баш көтөрбөй иштей берчү. Кышта кар күрөмөй, жаздан баштап жердин бүтпөгөн түйшүктөрү Мырзага окшогондордун мойнунда болчу. Жетимканага тийиштүү жерди эле эмес мугалимдердин үйлөрүндөгү отун жармай, суу ташымай, огород айдап, отоп, өстүрмөй өңдүү жумуштарды да жетимкананын бекер күч балдары жасачу. Ал түгүл жетимкананын мугалимдери менен тааныш айрымдар да үйлөрүндө көмүр ташымай, отун жармай өңдүү жумуштар чыкса келип сурап кетишчү.

Мындайда мугалимдер тим эле барктарын көтөрүп, кол астындагы кулдарын берип жаткансып, катарга тургузуп коюп аябай тандап, иштермандарды жөнөтчү.

Союз таркап кеткенден кийин алыскы көл боюндагы бул жетимкананы мамлекет каржылоого жарабай калды деп чыгышты. Мугалимдер өз учурунда айлык албай, ишканадагылар баягыдай балдарга бөлүнчү тамак-аштан кенен үйүнө ташыбай бүт ачылуу болуп кетишти. Боор көтөрүп калган балдар-кыздар качып кетишти. Аларды качты деген да эч ким болбоду. Али өз алдынча бир жакка чыгуудан корккон 13-14 жаштан төмөнкүлөр калышты. Жетимкана дээрлик тамак бербей калды. Балдар эртеден-кечке айылдарды кыдырып, эми өздөрү жумуш издешет. Бир сындырым нан үчүн кандай жумуш болсо да аткарууга даяр. Жетимканага кечинде жатууга гана келишет.

Күндөрдүн биринде директор баарын эрте ойготту да, "болгон кийимиңерди, көр-жериңерди бүт алгыла да тез сыртка тизилгиле" деген буйрук берди.

Бир жакка жумуш иштегени барат экенбиз деп кубанган балдар тим эле тамандары жерге тийбей тызылдап чуркашып, жуунуп-тазаланып, директор айткандай болгон көр-жерлерин чогултуп, баштыгы бары баштыгына, сумкасы бары сумкасына салып бат эле сыртка тизилип калышты.

Мезгил эрте жаз болгондуктан сыдырым муздак жел начар кийинген балдардын сөөгүнө өтүп ичиркентип, айрымдары бат эле көк муштум болуп үшүп чыкты. Үстүнө өңү өчкөн эски тон, уйпаланган тумак кийген директор балдардын астында ары-бери үнсүз басып турду да анан үнүн жасап, боюн түзөп балдарга кайрылды.

- Мен силерге чындыкты айтайын. Кийин аман-эсен эр жетип чоңойсоңор мени күнөөлөбөгүлө. Силердин эч кимге керегиңер жок экен. Силерди багууга каражат бөлгүлө деп райондук, облустук, республикалык бийликтегилердин бардыгынын эшигин каккылап чыктым. Кимдерге гана жаман көрүнбөдүм. Бири-бирине түртө салышып эч кимиси силерге жардам бергиси келбейт. Мына силерди окуткан мугалимдер айлык албагандыктан бүт жумуштарын таштап башка жакка кетишти. Өзүм тогуз айдан бери айлык ала элекмин. Силерди кароого тигил барар жери жок ашпозчу кемпир, анан эжейиңер (өз аялын айтканы) үчөөбүз гана калдык. Силердин тамак-ашка деп кичинеден жумшап атып кечөө акыркы тоогумду союп, суу шорпо жасаттырып бердим. Ушул жерден үнү каргылдана түштү. - Силер бүт ачкадан кырылсаңар да, карай турган эч ким жок экен. Бийликтегилерге мамлекеттик байлыкты менчиктештирип бөлүп алуу деген жин тийиптир. Азыр силерге окшогон жетимдерди ойлоого убактылары жок экен. Бул муздак үйдө силерди камап, эртең бүт ачка өлсөңөр убалыңарга калгым келбейт. Кичинеден жаккан отун да түгөндү. Былтыр уюмду сатып ушул отунду алган элем. "Өкмөт акча бөлсө кайра ордун толтурабыз" деп эжеңерди ыйлатып туруп. Башка эч нерсем калбады. Үстүмдөгү эски тонумду сатсам да эч ким албайт. Ошондуктан тигил автобус айдаган байкеңерге сүйлөштүм, шаарга бараткан экен, ошого түшүп шаарга жетип алгыла. Ош базарынан түшүрүп коөт.

Көзүнүн жашы кылгырып сүйлөй албай туруп калды да, кайра чыйралды көрүнөт.

- Силердей эле балдар- кыздар базарда кайыр сурап, майда жумуштарды жасап, тачка- араба түртүп оокат кылып жүрүшөт. Шаардагы жылуулук өткөргөн суу түтүктөрдүн түбүнө түнөшөт дейт. Ал жер тим эле жыпжылуу болот имиш. Кыскасы, аракеттенсеңер курсагыңар ток болот. Азыр заман ушундай болуп турат. Эртең оңолсо баары унут болоор...

Болуптур эми, тигил байкеңерди күттүрбөй тез автобуска түшкүлө. Мени эмес, силерди унуткан бийликтегилерди, ушундай заманга туш кылган тагдырыңарды күнөөлөгүлөчү, -деди да коштошууга чыдабай тескери басты.

Жаздын суугуна шүмүрөйгөн балдар мындай кабарды ар түрлүү кабыл алышты. Эс тарта баштаган айрымдарынын көзүнөн жаш кылгырса, айрымдары чоң шаарга барып кайыр сурасак курсагыбыз ток болот деп култуңдап кубанып да кетишти. Айрымдары кунары кеткен, ушул унут калган кичинекей шаарчадан кетип жатышканына кубанды. Калганын бара көрөбүз дешти.

Мырза да ушул балдардын арасында болчу. Ансыз да күн сайын үймө үй кыдырып жумуш издемей. Эптеп эле даамы бар шылдыр суу тамак, өлбөсүн деген гана жылуулугу бар муздак жатакана жүрөгүнө көк таштай тийип, бир ылайыгы келсе шаарга качсам деп жүргөн. Ошондуктан, бир чети кубанып да кетти. Жетимдердин асты чуркап, арты илкий автобуска отурушту. Бала деген кайда болсо бала. Кужулдашып терезе жактан орун талашып бир топко тынчыбай жатышты.

Чачы үксүйгөн, кийими да колу да майланышкан, көздөрү жүлжүк мурутчан шофер балдарды күзгүдөн үнсүз карап турду да, акыры ордун табышаар дегенсип машинасын от алдырып жолго чыкты. Жанакы ордунда кыймылсыз турган директордун балдар менен коштошууга баары бир күчү жетпеди. Директорду балдардын эч кимиси күнөөлөбөсө да күчү жетпеди. Балдар директор агайынын эмне иштерди жасаганын өзү айтпаса да жакшы билишчү.

Жарым жылдан ашык айлык албай калгандан кийин бүт мугалимдер жумуштан чыгып кетип өзү математик болсо да географиясы, адабияты болобу, бардык сабакты директордун аялы гана өтчү.

Күйөөсүнөн бешбетер "өкмөт жетимдерди кантип эле таптакыр унутуп койсун, акыры каражат бөлөт" - деген ишеними өчпөгөн бул аял сабакты дайыма күйөөсү балдар үчүн эмне иш кылып жатканынан баштачу. "Агайыңар Президентке арыз жазды... Агайыңар губернаторго кетти... Чыдагыла. Аз күндө биздин көчөдө да майрам болоор..." дегендей акыркы жаңылыкты кабарлай турган. Эски "Москвич" машинасын сатып балдарга азык-түлүк алганын, уюн сатып отун-суу алганын да балдар мурда эле эжейден угушкан.

Мырза автобуска отургандан кийин кунары качып томсоргон жетимкананын, эшик астында кыймылсыз сөлдөйүп турган директор агайын телмире карады. Өзүнөн өзү көзүнөн ысык жаш сызылып агып кетти. Мурдун шор тарта жең учу менен жашын аарчый тунжурай ойго чөктү. Бул бир өмүр бою жүрөктө өчпөс болуп тартылып калган картиналардын бири эле. Автобус Бишкекке жеткиче жолдо эч жерге токтогон жок. Түз Ош базарына келди да базар четине токтоп, эшигин ачып туруп жолдо карата бир да жолу үн чыгарып сүйлөп койбогон шофөр "түшкүлө" деп күңк этти да, балдар түшүп бүткүчө тескери карап отурду.

Тоо арасындагы ээн, кичинекей шаарчадан эч жакка чыкпай өсүшкөн балдар кыжы-кужу базар элин көргөндө апкаарып, үрпөйүшө автобус жүрүп кеткенден кийин кыргыйдан корккон таранчыдай топтошуп туруп калышты.

Базар тараптан урган түрлүү тамактын жыты. Курулдаган ачка курсак жанды койчубу. Жыйырмага чукул жетимдер бат эле көпчүлүктүн агымына сиңип кетишти.

Бир сыйра ич кийимдери салынган эски баштыктарын көтөргөн ушул балдар- кыздардын ичинен арадан аз жылдар өтпөй, атактуу уурулар, нечен оору тараткан сойкулар, наркомандар, мыкаачы киши өлтүргүчтөр чыгары менен эч кимдин иши болгон жок.

Элди аралап келаткан Мырза үстүнө үймө жүк жүктөлгөн тачканы базардын кире беришиндеги ылайы эзилген өрдөн түртө албай тырталактап жаткан өзү кырдуу арык баланы көрүп, кичинеге токтой калды да, өзүнүн эмне кылып жатканына маани бербестен жардамдаша кетти. Экөөлөп эптеп тачканы түз жолго чыгарышты. Жүктүн ээси курсагы челейген, күрсүйгөн неме колун тачкага тийгизип да койгон жок. Тескерисинче, сөгүнө кетти "О-о энеңди... тыртайган. Айтпадым беле күчүң жетпейт, жүк оор деп. Акча үчүн өлүп кетесиң го. Тигил тыртагың жардам берип жаның калды, болбосо, каныңды ичмекмин. Кезекти чоңдорго бер десе болбойсуң. Бол итирейбей" деп шилиден түрттү. Тачка түрткөн бала салаалап куюлган терин да аарчууга чолоосу тийбей баратып, көз кыйыгынан Мырзага "ырахмат" дегенсип карап койду. Каалгый базар аралаган Мырза тамак-аш жакты айланчыктаган сайын курсагы курулдаганынан андай жерден алыстай басып ичинен эмне жумуш аткарып жок дегенде бир пирожки алгыдай акча тапсам деп ойлой, башын катыра баштады.

Тизилген тачкалардын жанынан өтүп баратса бири кыйкырып калды;

- Эй дос, ырахмат жардамыңа. Караса жана тачкасын түртүшүп койгон бала экен. Тачкасынын үстүндө отуруптур.

Экөө тиктешип калышты. Бирдеме дейин деп оозуна эч сөз келген жок.

- Кел мындай отурбайсыңбы, таанышып алалы - деп тигил жанын көрсөттү.

Мырза үнсүз барып отурду. Ансыз да башка барар жери жок эле.

- Менин атым Саша. Сеникичи?

- Мырза. Экөө кол кармашып коюшту.

- Демек, Мишамын де. Мырза түшүнө бербей бакырайа тиктеп койду да:

- Жок. Мырза элемин, - деди.

Тигил күлүп жиберди.

- Менин деле чыныгы атым Сапар. Бул жерде баары атын кыскартып орусча атап алышкан.

Сен деле "Мишамын" дей бер. Мурда көргөн жок элем, кейпи жаңы келгендерденсиң го?

- О-оба. Жаңы эле келдим.

- Кайдан?

- Көлдөн келдик.

- Үйдөн качып чыктыңбы? Же бирөөлөр менен келдиңби?

- Балдар үйү жабылып... Баарыбызды шаарга апкелип таштады. Сапар иштин жайын терең түшүнө бербеди.

- Канчадасың?

- Он төрттөмүн.

- Ой, экөөбүз тең экенбиз. Бирок, сен чоң көрүнөт экенсиң. -Мурдун шор тарта Мырзанын турпатына кызыга карап койду да - жетимкананын бекер кашасына семиргендерден экенсиң да.

- Кайдан... ал жерде жыргаган тамак берет дейсиңби? Тамак жөнүндө сөз болгондо эрдин жалап тамшанып алды.

- Жөн эле айтып койдум. - Экөө кичине үнсүз отуруп калышты. - Курсагың ачпы? Жүрү тамак ичип келебиз. - Күтүүсүздөн Сапар сунуш киргизип калды.

Мырза эрдин жалай үн деген жок. Сапар тачкасын түртүп жөнөп калганда жандай басты.

- Мурда базарда иштебесең керек?

- Жок. Бишкекке биринчи келишим. Киши деген жүнүн жейт го.

- Түшүнүктүү. Ушуну да көп деп жатасыңбы? "Дордой базар" деген бар. Барсаң мындан канча чоң дейсиң. Эч нерсе көрө элек турбайсыңбы. Эми эмне жумуш кылсам дейсиң?

- Билбейм. Мырза ийнин күйшөп койду. Эмне жумуш болсо да иштей берет элем.

Элди аралап отурушуп экөө ашканага келишти.

Сен тачканы карап тур. Мен тамак апкелейин, - деп Сапар ары кирип кетти. Кайра бат эле бир лепешка эки табак лагман алып келе калды. Мындайды күтпөгөн Мырзанын "чын эле ушуну экөөбүз ичебизби?",- деп чекесинен тер чыга түштү. Экөө үнсүз тамактанышты. Мырза өмүрүндө мындай таттуу лагман ичип көрбөгөн, бат эле аймап салды. Сапар аны үнсүз карап турду да, барып дагы бир табак апкелип берди. Мырза уялып кетсе да, курсак болчубу, унчукпай алып Сапар өзүнүкүн ичип бүткүчө аны да түгөттү. Ошондо гана өзөгүнө бир нерсе баргансып эс ала түштү. Күтүүсүздөн эле Сапар:

- Тачка түртүп иштейт белең? - деп сурап калды.

- Иштейм. Бирок, тачкам жок да.

- Менин деле тачкам жок. Бул болсо арендага алган тачка.

- Кайдан алдың эле?

- Арендага тачка берүүчүлөрдөн. Бирок, алар ким барса эле тачка бере бербейт. Сага бирөө кепил болуш керек. Кожоюн ишенген киши. Ошондо берет. Мырзанын шаабайы сууп калды.

- Мен эч кимди тааныбайм.

- Аны түшүнүп турам. Жүрү, бүгүн экөөлөп иштейли. Кечинде мен биздин общакка сүйлөшөм. "Мен кепил болоюн"- деп. Сапар ушул сөздү айтарын айтып алып кайра ойлонуп турду да;

- Кел, экөөбүз эркекче сүйлөшөлү. Сен чыныңды айт. Калп айтсаң баары бир кийин билинип калып өзүңө жаман болот.

- Макул. Мырза эмнеге калп айтмак элем? дегенсип Сапарды көздөрүн бакырайтып карап койду.

- Ууру эмессиңби?

- Жок. Мырза чочуп кетти. Чынында уурулукка барып көргөн эмес.

- Эгер ууру болсоң анда мен уурулук кылган балдарды көрсөтүп коөм, ошолорго кошул. Биз тачкада иштегендер ак эмгегибиз менен жан сактайбыз. - Сапар мурдун көтөрүп мактангандай дердейип койду.

- Жок. Чын айтам, уурулук кылып көргөн эмесмин - деди, Мырза кантип ишендирсем дегенсип чыйпылдай. Жетимкананын балдары десе эле ууру, алдамчы дешип саксынышаарын жакшы билчү.

- Болуптур. Аны көрө жатабыз. Эми көп сүйлөбөй ишке өтөлү - деп элди аралай жөнөдү.

Экөө күүгүм кирип, базардагылар бүт тарагыча иштешти.

Базардагы тачка түрткөндөрдүн өзүнчө топ-топко бөлүнөрүн ар кимисинин өздөрүнүн аймагы бар экенин, бири экинчисинин аймагындагы клиенттерге барбай, өз аймагында иштээрин ушул эле күнү билип алды. Анан булардын өз общактары барын, ага жума сайын "дан" берип турушарын, общак болсо милициялар менен сүйлөшүп, берчүсүн берип, адрес-дареги, үй-жайы жок Мырзадай балдарды текшерттирбей сыртынан багып, айрым клиенттер баласынтып акысын төлөгүсү келбесе териштирип турарынан бери Сапар кечке сабак өттү.

Кечинде базардан көп деле алыс эмес бир үйгө барып тачканы өткөргөндөн кийин Сапар "общак" менен сүйлөшөйүн деп арыта отурушкан үч бала жакка басты. 18-19 жаштардагы чымыр денелүү, орто бойлуу баланы "общак" деп сыртынан көрсөткөн.

Сапар бир нерселерди айтып Мырзаны көрсөттү эле, ал кичине карап турду да

- Эй суу мурун, бас бери, -деп колун жаңсай чакырды.

Мырза апкаарый басып барды.

- Эмне, тачка түртүп иштегиң келеби?

- Ооба. Мырза жер карады.

- Бүгүн көлдөн келген жетимдердин бирисиң го дейм.

- Ооба. Башын ийкеп койду.

- Силердин далайыңар уже уурулук кылып милицияга түштү. Сага Сашка кепил болоюн дейт. Подводит этпей иштейсиңби?

- Ооба.

- Ооба... ооба... тачка түртүш деген жеңил иш эмес. Күнүгө тачкага 15 сом төлөйсүң. Жумасына мага 15 сом төлөйсүң. Сага берилген тачка сынса, өз акчаңа оңдотосуң. Жоготпойсуң. Уурдатып жибербейсиң. Жумушка эрте чыгасың. Баарына чыдап иштей аласыңбы?

- Иштейм.

- Болуптур. Көрөлү. Сашка менен чогуу үйрөнчүк болуп иште. Эгер айтылгандардын бирин аткарбай кылтыңдасаң мойнуңду жулуп алам.

Эскертип коөюн тачкада иштегендер уурулук кылбайт. Эгер клиентиңдин бир нерсеси түшүп калса, же тачкада калып калса ээсине кайтарып бер. Тачканы жоготуп же сатып жиберип качып кетем деп ойлобо. Жер түбүнө түшсөң да таап алып, өтүңдү суурам, уктуңбу?

- Уктум. Үнү калтырай жооп берди.

- Бара бергиле - деп кол шилтеп койду.

- Кеттик - деди беркини жеңден булккан Сапар, өзүнчө эле кудуңдай.

Улам кеч кирген сайын эми кайда барып жатам деген санаа Мырзанын жүрөгүн жеп жаткан. Шаардын эч жерин билбейт. Директор агайы айткан жылуулук түтүктөрү өткөн бейиш жайды кайдан тапмак. Сапардан сурагандан батынган эмес. Ансыз да көп жардам берди.

Экөө ээрчишип кайдадыр жөнөп калышты. Биз жашаган "фазендада" азырынча орун кенен. Өткөндө сегиз ууруну милициялар кармап кетишкен. Ошондон бери тынчып калдык. Сага орун табылат дегенде тим эле кубанганынан Сапарды кучактап өөп жибере сактады.

- Сапар, сага ырахмат. Сен болбосоң талаада ачка калмакмын. Үнү каргылдана чыкты.

Сапар жалт карап койду. Кечки күүгүмдөн Мырзанын жашылданган көзүн көрбөсө да түшүнүп турду.

- Сага да ырахмат Мырза. Эртең менен сен мага жардам бербесең жанагы челек менин теримди тескери сыйырмак. Түртө албайсың дегенинен болбой чын эле жүктү көп жүктөп алыптырмын. Тим эле белим үзүлүп кала сактады. Ал челек оптовик. Күн сайын товарды көп апкелет. Ачуулуу болгону менен жакшы төлөйт. Мага бүгүн 30 сом карматып койду. "Экинчи алыңа ченеп жүктөп жүр" деп зекип, көчүккө чала-була бир тепти.

Ансыз да мындан ары сак болом. Айла жок чыдаш керек. Мырза унчукпады. Бир гана нерсеге "фазенда" деген кандай жай болду экен түшүнүгү жетпей баратты. "Фазендага" жетиш Мырза үчүн өтө узак болуп кетти. Көлдөн шаарга чейин жол басып андан кечке Сапар менен кошо иштеп бутун тартууга дарманы жетпей чарчап турган. Караңгы көчөлөрдү аралай жүрүп отуруп бир жепирейген барак үйгө келишти.

- Мына, буюрса "фазендага" келдик деди Сапар. Бул жерде негизинен Ош базарына иштегендер квартирада турарын. Квартира ээси матрас, жаздык, жылуу одеял берип, эртең менен кайра жыйнап алаарын, полго матрасты төшөп батышынча жата беришээрин, Сапар экөө "фазенданын" оозгу бөлмөсүндө пирожки сатып отурган кемпирден экиден пирожки алып жеп бир кружкадан чай ичкиче түшүндүрүп берди. Күнүгө он сомдон бала, чоң дебей төлөйт экен. Мырза үчүн Сапар төлөп койду. Ширидей кара узун бойлуу арык аял экөөнө эски ар жеринен пахтасы булайган эки матрас, эки одеял, эки жаздык берди да, бошураак деген бөлмөнү көрсөттү. Анча деле чоң эмес бөлмөдө чоң-кичинеси болуп бешөө катарынан уктап жатышыптыр. Экөө акырын баса тигилердин уйкусун бузбай орун салышты да баштары жерге тиери менен уйкуга кетишти.

Катуу чарчаган Мырза тырп этпей уктаптыр, эртең мененки кобурдан ойгонуп кетти. Сапар да ойгонуп көздөрүн ушалап, уйкусу жакшы ачылбай аткан экен. Жакшы эсине келгиче Мырзаны кайдан көрдүм эле дегенсип алая карап койду да анан "бырс" күлүп ийди. Мырза түшүнө бербей тиктеп калса;

- Сени ким бул деп ойлоп атпаймбы. Башым ордуна келбей жатат - деди үнүн чыгара.

Түндө чарчагандан болсо керек, жаткан матрасы менен жаздыктын башты айландырган жаман жыты бар экен. Көрсө, ал биттин дарысынын жыты экенин кийин билди. Түрлүү адамдар конуп, дээрлик баары көйнөк шымчан жаткандыктан квартиранын ээси күн ара матрас, одеялдарга дары себе берет экен.

Экөө оозгу үйдөн крандагы муздак сууга беттерин чайкамыш болушту да жумуштарына жөнөштү.

Эртерээк барып сага түзүгүрөөк тачка тандайлы деп шаштырды, Сапар. Эшикке чыгышса таң жаңы эле агарып келатыптыр, саатты сурашса алтыдан он минута өткөн экен.

Мынчалык эрте туруп көрбөгөн Мырзанын уйкусу жакшы ачылбай атты эле жаздын муздак жели ичиркентип бат эле өзүнө келтирди.

Тачка алган жерге барышса далайы эчак келип кыжы-кужу болуп кезек менен өз тачкаларын сүйрөп кетип жаткан экен. Сапар өз тачкасын сүйрөп чыккандан кийин Мырзага да тандап түзүк деген бир тачка алып берди. Көрсө, дайыма туруктуу иштеген тачкисттер тачкаларын өзүнчө коөт экен. Күн ара, же анда-санда иштегендер үчүн дегендери өзүнчө турат экен.

Ушинтип Мырзага тачкисттин жашоосу башталып кетти. Канча эрте келишсе жумуш ошончо кызуу жүрөт экен. Алгач дайыма таза жерде, ак шейшепке жатып эртең менен, кечинде таза жуунуп, жума сайын баняга түшүп, таза жерден тамак ичип көнгөн неме баш аламан жашоодон кыйналып жүрдү. Учуру менен тамак ичүү деген жок. Бош боло калганда өзөк жалгашат. Чачы саксайып өзү жүдөп да кетти. Ансыз да көп сүйлөбөгөн неме огобетер түнт боло баштады. Жатакка келгенде, анан түш маалында эле Сапар экөө чогуу болуп калышпаса көпчүлүк учурда ар кимиси өз ишинен колдору бошобойт.

Тапкандары ичкен-жегендерине кенен жетет. Анча-мынча артса кичинеден ар кимиси өз алдынча чогултушат. Кайта-кайта эсине балдар үйү түшүп, окуткан эжей-агайлары түшүнө да кирчү болду. Алардын тилдеп-урушканы, ал түгүл анда-санда кол тийгизгени базар турмушуна караганда "май талкан" экенин бат эле түшүндү. Базарда байкабай тачка менен бирөөгө урунуп алсаң же сүйкөп кетсең, же жүктөп бараткан жүгүңдү түшүрүп жиберсең көк шилиге бирди жеш, көчүккө тептириш, катардагы көрүнүш. Сөгүү укмайга болсо кулак көнүп бүтөт экен. Адамдардын ушунчалык бири-бирине окшобогон ар түрлүү болорун Мырза ушул базарга келгенде билди. Айрымдарына баткак чачыратып алсаң да "Эч нерсе эмес. Мындан кийин сак бол" деп басып кетсе, айрымдарына кичине тийип өтсөң "Көзүңдү ачпайсыңбы, эшек" деп кулактан алат же көчүккө тебет.

- Эй, каңгы баш тачкист бас бери - деген үн чыкканынан караса баягы эски тааныш Сапарга биринчи жолуккандагы семиз бөйрөгүн таянып туруптур.

- Жүрү артымдан - деди да жооп күтпөстөн күлтүңдөй басып астыга түшүп жөнөй берди.

Мырзанын эмнегедир ушу семизге баргысы келбей турду. Балким, тигил жообун укса "бош эмесмин" деп коймок. Сапардын "Орой болгону менен колу кенен" дегени эске түшүп артынан жөнөдү.

Фургон машинага сылай түрлүү конфет, макарон жүктөлгөн экен. Дагы эки тачка машинанын жанында күтүп туруптур.

- А-а кайран жоруларым, өзүңөр эле жетип келипсиңер го. Кана оозуңарды ачпай ишке киришкиле, деген буйрук берери менен машыккан тачкисттер шыпылдатып жүктөп киришти. Жүк үч тачкага араң сыйды.

Семиз Мырзаны үлүрөйө карап туруп:

- Сен түртө аласыңбы? - деп койду да, кайра өз суроосуна өзү жооп берип - Силерде жан жок. Ит жандуусуңар да. Түртөсүң. Кеттик анда - деген команда берди. Берки эки тачканыкы чоң кишилер экен. Кейпи, жүктү кайда алпарышты билишет окшойт, өздөрү эле жөнөй беришти. Баягы өргө келгенде астыдагы тачкадагылардын бири жардам берип Мырза оңой эле чыгып кетти. Ушул жерден коркуп келаткан. Эми Кудай буюрса жетип алам деп кубанып келатканда, башка жакты карап бараткан килейген семиз катын келип жүккө урунуп эки мешок кулап кетти.

- Энеңди... көзүңдү ачпайсыңбы, деп күлтүгүй көчүккө бир тепти.

- Менде эмне күнөө, тигил өзү келип урунбадыбы - деди Мырза кыжырлана.

- Тигини, сөз кайрып коөт, энеңди... эшек. Тез жүктө, сайраганды коюп! деп дагы көчүккө тээп, шилиге бир койду.

- Урбаңыз... Мырза эми чындап өзүн жогото ызаланып кетти.

- Адам э-эй... муну кара. Урмак түгүл кулагыңды жулуп салсам эмне кыласың? - деп дагы көчүккө тепти.

Мырза эмне кылып атканын өзү да билбей калды. Артка кетенчиктеп барды да болгон күчү менен күүлөнүп чуркап келип семизди курсакка сүзүп калды. Мындайды күтпөгөн борпоң неме чалкасынан кетти. Жыгылып баратып соода кылгандардын темир текчесинин четине башы урунуп, кулак үстүнүн карыштай жери тилинип кан жая берди. Денеси оор неме ордунан очорулуп тура албай өкүрүп жиберди.

- Энеңди... тентимиш. Тирүүлөй өтүңдү суурам. Сени азыр шишкебек кылам,- деп өкүргөн менен денеси оор неме катуу жыгылса керек, тура албай оонап атты.

Башы бүт кан болгон семизди көрүп Мырзанын өзү да "Эмне кылдым?" деп ойлой коркуп кетти. Шаша тачкидеги бүт жүктү оодарып ийди да тачкасын сүйрөй качты.

Тачкалар жумуш күтүп топтошуп турчу жерге күшүлдөй жетип барса ырас Сапар бар экен.

- Сапар, ме бул тачканы кайтар. Же өз тачкаңа жүктөп барып ээсине өткөр. Мен качтым. Калганын кечинде айтам - деди да элди аралай жылт койду.

Ошентип, Мырза тачка түртүү бактысынан кол жууду. Семизди ал күнү скорый алып кетиптир. Тачка түрткөндөр бир чети ушуну ырас кылды дешип табалап, Мырзага ичтеринен болушуп жатышты. Ошондуктан анын кайда жатып, кайда турарын эч кимге айтышкан жок. "Билбейбиз, тааныбайбыз" дешип ийин куушуруп коюшту. Семиз болсо күн сайын тачка түрткөндөрдү кыдырып Мырзаны издейт. Бирок, Мырзадан чоң сабак алгандан кийин жөнү жок чоң- кичине дебей көчүккө тээп шилиге коюп сөгүнмөйүн токтотуп калыптыр.

Анча-мынча чогулткан тыйыны бир жумага жетпей түгөндү. "Менин сени менен жүрөрүмдү билсе мени да өлтүрөт. Мага көп жолобо" деп Сапар да качып калган.

Базарга кирген машиналардан жүк түшүрмөй жумуштары менен алектенип эптеп курсак тойгузгудай бирдеме табат. "Ит базарда" мушташ болуп атыптыр. Мелдешке катышууга чыкканың үчүн 50 сом берет экен. Эгер жеңсең 300 сомго чейин алат экенсиң дегенди угуп жетип барды. Барса, ортодо өзү кырдуу бети башы көк ала бала турган экен. Бул бала үч оюнда удаасы менен өзү кырдууларды утуптур.

- Кана, бул чемпионго ким чыгат?- деп кыйкырган менен эч ким чыкпады. Андан чоңураак бирөө "мен чыгам" деди эле сен чоң экенсиң деп коюшту.

- Ким чыкса 100 сом берем - деди ортодо калыс болуп жүргөн уйгур же өзбек экени белгисиз орусча балдырай сүйлөгөн неме.

Мырзанын тамак ичерге да тыйыны жок болчу. Жүз сом дегенди укканда ортого кандай жүткүнгөнүн да билбей калды. "Мына бул жактан чыккан жатат" дешип кыйкырып калышты.

Үстүндөгү жаман күрмөсүн чечип ыргытып ортого чыга келди. Калыс элдин көзүнө көрсөтүп туруп 100 сомдукту Мырзага сунду. Мырза унчукпай алып шым чөнтөгүнө салды.

Кичине бири-бирин тооруп басышты да анан качырып сала беришти.

- Сок, ур. Оозго ур. Теп - деген дүңгүрөгөн кыйкырыктар. Кимиси кимге жан тартып атканы белгисиз.

Экөөнүн тең ооздорунан кан жая берди. Мырзанын эски көйнөгү айрылып кеткенде чечип таштады.

Экинчи качырышканда тигил Мырзанын үксүйгөн чачынан эки колдоп катуу кармап алып бетке тизеси менен эки-үч жолу былчылдатып жиберди. Мурдунан кан оргуштап тим эле мурду жалпайып калгандай болуп кетти.

Болгон күчүн жыйнап башын силке тигини ээк талаштыра оң колу менен уруп калды эле чачты мыжыган колдорун коө берип сендиректей түштү. Артка кетенчиктей берип секирип туруп согончок менен кекиртекке тепкенде шалак чалкасынан кулады. Калыс колдон тартып сүйөсө да сендиректеп тура албады. "О-мээй, берки каратис экен" деген үндөр чыгып жатты.

Бүт денеси кан болгон Мырза тигини үтүрөйө карап турду. Эл болсо "Эй тур. Тур" деп кыйкырып жатышты.

Калыс Мырзаны жеңди деп колун көтөрүп элдин көзүнчө 300 сом байгесин берди. Аңгыча бири келип "жүрү бул жакка, жуун" деп ээрчитти. Бөтөлкөдөгү суудан куюп, бети-башындагы канды жууга жардам берди.

Чөнтөгүнө 400 жүз сом акча жарым саатка жетпей түшкөндө Мырза жанчылган мурдунун ооруганын да унутуп койду. Бети-башын жууп жардамдашып шыпылдаган неме "Эч жакка кетпей менин жанымда жүр. Дагы кызыктар болот" деп ээрчитип алды.

Дагы үч беттешүүдөн кийин "Болду, бүгүнкү оюн бүттү" деп таратып ийишти. Калыс болуп оюнду уюштуруп жүргөндөр мушташка катышкандардын жеңгендерин да, жеңилгендерин да алып калып Рафик автобусуна салып шаардын сырткараак жагындагы сонун жасалгалуу ашканага алпарды да түрлүү тамак алып берип аябай сыйлашты. Анан ичинде саунасы бар өзүнчө чоң короосу бар мейманканага алпарышты. Ар бирин өз өзүнчө жалгыздан чакырып аты-жөнү, кайдан келгени жөнүндө сурамжылап документ толтуруп киришти.

Ондон ашык баланын алтоону алып калып калганын кайра кетирди. Калгандарга баняга түшкүлө деген буйрук берилди. Бирөө кошо кирип карап туруп аябай жуундургандан кийин баарынын чачын таптакыр жалтыратып устара менен кырып алып салышты. Анан баарына бир сыйра жаңы кийим беришти. Мурдакыларын эмне кылышты көрүшкөн да жок. Мейманкананын таза бөлмөсү, түрлүү тамак, мындайды көрбөгөн көчө балдары тим эле бейишке чыгышкансып "өңүбүзбү-түшүбүзбү" дешип ишенбей турушту.

Эртеси бир жерге алпарып медициналык текшерүүдөн өткөрүштү. Бүт текшертишти. Өпкө, жүрөгү, ички органдарынан бери карап чыкканда алтоонон дагы үчөө жарабай калды. Бири өпкө оорулуу экен, экөөнүн ашказандарында жара бар экен. Мырза баш болгон үчөө жарактуу деп табылды. Кандай максатта текшерилип жатат себебин эч ким түшүндүргөн жок. Өздөрү сураганга жарашпады. Баары 10 менен 14 жаштын ортосундагы али болуп жаткан иштин эртеңин ойлоого жараксыз, артында сурап алар эч кими жоктор чогултулган.

- Эч камсанабагыла. Биз өкмөттүн кишилерибиз. Силерди чет өлкөгө чоң окуу жайына алпарып окутабыз,- деп кыскача түшүндүрүп коюшту.

Качантан бери күндөлүк курсакты тойгузуштан башканы ойлобой калган буларга баары бир болду. Мырзанын эмнегедир жүрөгү опкоолжуп ушул "бейиштен" качкысы келип турду. Баягы 400 сомун улам ушалап коөт. Байкаса качууга такыр мүмкүн эместей. Мейманкана бийик дубал менен курчалган. Тигилер ар бир кыймылына көз салып турушкансыйт. Эки күндөн кийин түн ичинде кайдадыр алып жөнөштү. Баш аягы отузга чукул балдарды эки-үчтөн бөлүп алып кетишти. Кимиси кайда баратат билишкен жок.

Мырза чет жерге баргандан кийин да келечектеги террорист желдеттерди даярдоочу лагерге түшкөнүн билбеди. "Дин мектебинде окуп жүрөм. Биздин милдет жер жүзүн динсиздерден тазалоо" деген идеяга чачынын учуна чейин сугарыла баштады.

Биринчи эле күндөн Мырзага окшогондордун мээлерине жекече сүйлөшүүлөрдө да, жалпы окууда да "Сенин буга чейин эч кимге керегиң жок болчу. Ачкадан өлсөң да, ооруп калсаң да сени буга чейин эч ким карамак эмес. Сени биз таптык. Сен бизге керексиң. Биз бири-бирибизге керекпиз. Биз, бир үй-бүлөбүз. Биз ар кимибиз ар түрлүү кандан жаралсак да бир тууганбыз. Биз бири-бирибиз үчүн жаныбызды берүүдөн да тартынбайбыз, бизде улут жок, жердештик жок, мекен биз үчүн биздин бутубуз турган жер" деген түшүнүктү күн сайын ачык да, тымызын да миң түрлүү жолдор менен кыттай куя башташты.

Биринчи эле күндөн аскер тартибиндеги лагерге түшүшкөнүн билишти. Орусча так сүйлөй албаган каардуу инструкторлор сабак өтө башташты. Негизинен атуучу, жардыруучу куралдын түрлөрүн окушат. Илимден болсо арабча, англисче, орусча, жазганды, окуганды, сүйлөгөндү үйрөнмөй. Куран жаттамай.

Эртең мененки саат алтыда "подңөм". Түнкү ондо "отбой". Ушул аралыкта тыным алуу деген жок. Кичинекей эле жаңылыштык же тартип бузуу үчүн катуу жаза. Аркага балак урмайдан, ажаткана тазалаган нарядка чейин. "Кайда келдик? Келечекте эмне кесипке ээ болобуз?"- деп суроого акысыз. Деги эле ойлонууга да убакыт жок.

Жыргадык деген тилектери таш каап, даана "тозокко" туш болушканын билишти. Лагерден качууну ойлоого да мүмкүн эмес. Туш тарабы темир тор менен курчалып, ит жетелеген кароолчулар жүрүшөт. Анын үстүнө кайда келишти. Кайда качуу керек, эч кимиси билишпейт. Кичине болсо да тынч уктап алсам, курсак тоө тамак жесем дегенден башканы ойлонбогон жылдар зымырап өтө баштады. Өзүн көрсөтүп жакшы окугандар он жети жашынан баштап согуштук операцияларга катыша башташты. Бул чыныгы кандын жана дарынын жытын билсин дешкендери эле. Мырза эки жыл Ооганстандын аймагындагы эң оор кан төгүлгөн согуштарга катышты. Эки жолу жеңил жаракат да алды. Эки жылдан кийин кайдадыр бир чоң шаарга алып келишти да бир жылга чукул англис, орус тилдерин мыкты сүйлөгөндү, түрлүү маркадагы машиналарды айдоону, шаарда өзүн маданияттуу алып жүргөндү, телохранителдин негизги милдеттерин окутту. Ошол эле маалда ок атуучу куралдарды окууну жана машыгууну, бычак менен кол менен кармашуунун түрлөрүн окууну бир күн да үзгүлтүккө учураткан жок. Орусча, англисче сүйлөгөндү, жазганды согуш лагеринде окуп жүргөндө жакшы өздөштүргөндүктөн кыйналбады. Кандай машина болсо да бат эле айдап кетип жүрдү. Эң кыйналганы жарашыктуу кийинмей, койкоюп басмай, жылмайып сүйлөмөй дегендерди өздөштүрүү оорго туруп, мындай сабактарды өткөн инструктор аялдардан дайыма жаза алчу.

"Сен адам эмес эле киши өлтүрүүчү роботко айланып калыпсың. Кайра адамдык түспөлдү алууга, кайгырууга, кубанууга, күлүүгө, сүйлөшүүгө, пикир алышууга үйрөнүшүң керек" деди инструктор аял Мырзаны боору ооругансып, бир чети таңдана, бир чети суктана карап туруп.

ххх

Бөлмөдө кара сакалчан, кара көз айнек кийген адам менен инструктор аял сүйлөшүп отурушту.

- Урматтуу таксыр, бул азият чыныгы адам кейпиндеги робот. Кандай команда болсо да эч ойлонбой так аткарат. Дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарга кызыкпайт. Ок атуучу, жардыруучу куралдар менен машыгуудан, кармашуунун ыктарын өздөштүрүүдөн башкага убакыт короткусу келбейт. Аялдарга да кызыкпайт. Коркуу сезими жокко эсе. Көп боевиктер менен иштешкем, бирок, мындай шамдагайды көргөн эмесмин. Угуу, туюу сезимдери күчтүү. Көзүн таңып койсо да пистолетти октогонду он кадамдан угуп, 20-30 кадам жердеги дабышы чыккан адамды таамай атат. Өзүнүн жеке турмушу, эртеңи жөнүндө ойлобойт. Ичкилик ичпейт, тамеки тартпайт. Тамакты тандабайт. Эмне берсе ичип- жей берет. Он төрт жашынан согуш лагеринде тарбияланган. Эки жыл Оогандагы эң оор согуштук операцияларга катышкан. Түбү Бишкектен келген. Делосунда: "Томолой жетим. Ата-энесин билбейт. Жетимканада чоңойгон" деп жазылган.

Сиз издеген адамдардын бирине ушул азиятты сунуш кылат элем. Биздин атайын мектепте бир жыл машыгуудан өттү.

- Таптакыр кемчилдиги жок дечи?

- Урматтуу таксыр. Сизден жашыра албайм. Бир олуттуу кемчилдиги бар. Бул азиятты жакшылап караган кандай адам болсо да астында адам эмес эле кан ичер жырткыч турганын түшүнөт.

Көздөрү мупмуздак. Биздин инструкторлор канча аракет кылса да көздөрүндөгү "музду" эрите алышпады.

- И-им... чоң кемчилдик экен. Хамелеондой кубула албайт дечи?

- Ооба. Кубулганды, алдамчылык кылганды билбейт. Анын үстүнө, биздин инструкторлор көрсөтмөнүн чегинде иш алпарышты. Түшүнөсүз да, дене жагынан жакындоого, ж.б. уруксат жок.

- Демек, жанына жансыз көлөкө кылып биздин хамелеондордун бирин кошуп коюш керек, - деп кара очкичен эркек ордунан туруп ары-бери басты.

Инструктор аял да ордунан тура калайын дегенде

- Отура бер - отура бер - деп койду колу менен жаңсай.

ххх

"Рыжый Болоттун" Италиядагы жашоосу деле бейишке айланып кетпеди. Жарым жылга чукул жаңы чөйрө, деңиз жээги, жаңы тааныштар менен алаксып, убакыттын кандай өткөнү билинбеди. Бара-бара күн сайын кайталануучу маанисиз жолугушуулар, ичкилик, аялдар тажата баштады. Өзгөчө тилден жүдөдү. Котормочусу жок дудуктан жаман абалда калат. Италияда жашаш үчүн жок дегенде англисчеби, французчабы, испанчабы ушул үч тилдин биринде сүйлөй билиш керек. Ансыз токоч сурап да жей албай каласың. Туура, бул жерде Россиядан, кыскасын айтканда мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттерден агылып келгендер жетиштүү. Өзүнчө клубу да бар. Ал жерде жалаң орус тилинде кадимки Россиядагыдай жүз граммдан улам кылгытып коюп, каалашынча баш чагышсаң болот. Бирок, бул дүйнөң, клубдун барынын жалаң ичимдик, тамеки, тер жыттанган эшигин аттап көчөгө чыгарың менен бүтүп калат.

Кайрадан бөтөн дүйнө, бөтөн жердесиң. Бул жакка биринчи келгенде эки жылдан ашык ушул шаарда жашап калган досунун көзүнөн кусалыкты, муңду байкаган. Андай кусалык көп жыл түрмөдө жатып эркиндикти, боштондукту эңсегендердин көзүндө чөгүп турар эле.

"Досума эмне болгон? Эл жерин сагынып жүрсө керек го?" деп ичтен ойлоп койгон . Мына эми өзү ошондогу сырдын маани-маңызын түшүнө баштады.

Чакан гүлгө оронгон бакчасында таң эрте сейилдеп басып жүрүп ушуларды ойлоп жатты. Жа десе бул жердин гүлдөрүнүн жыты да башкача. Сырткы түсү суктантып кооз болгону менен жыттай келсең жагымсыз. Же таптакыр жыты жокко эсе. Колго алып жыттаганды кой аралап басып баратсаң аңкыган жыты башты айланткан казак менен кыргыздын жергесинде ачылган гүлдөргө не жетсин, арман! Жүрөгүн жарып үшкүрүк тепти.

Түндө түшүнө энеси кириптир. Так өңүндөгүдөй көрдү. Бүкчүйүп башында отуруптур. Туура баягы бала кезиндеги биринчи кесилгенде акыркы жолу көрүшкөндөгү кебетеси. Өңү да ошондогудай азыңкы. Унчукпай көпкө отурду да "Уулум ай, жыргалыңдан кууралың, таттууңдан шоруң көп жаралган жан экенсиң. Эмнелер башыңдан өтпөдү. Өзүңдү токтото албадың. "Болду" деп боюңду жыйнай албадың. Бул бөтөн жер, бөтөн элге эмнеге келдиң дейм да. Кой, ушунча жүргөнүң да жетишет, эми мени менен жүрү. Тилди алсаң алып кетейин, - деп келдим. Өзүңдүн туулуп өскөн жериңе жүрү. Сөөгүң бөтөн эл, бөтөн жерде калбасын. Сени издеп таппай аябай кыйналбадымбы, балам, тапканым ырас болду. Дагы жакшы, учурунда жетишип калдым. Эртеле уулум. Тур. Жолго чыгалы"- деп айтып жатат.

"Рыжый" эмне деп сүйлөөрүн билбей, же "кетсе кеттик, мен да эли- жеримди сагынып бук болуп жүрөм. Ырас келбедиңизби. Арманымды кимге айтаарымды билбей жүрдүм эле" деген сөз тил учунда турса да оозунан чыкпайт, же "Эне, мен баягы Сарыгул эмесмин. "Рыжый Болот" да эмесмин бул жерде мен хакас Толикмин. Жөн гана Толик Дундумун. Документим ушундай. Мени эми эч ким тааныбайт. Сарыгулуң өлгөн. Андан кийин "Рыжый Болот" да өлгөн. Экөө тең жерге коюлган. Жаназасы окулуп калган. Мен эми артка кайта албайм,"- деп айта албайт. Энесин көргөнгө эреркеп кеттиби, эмне болду ким билсин болкулдап ыйлайт. Оо качан... качан акыркы жолу ыйлады эле. Ый эмне экенин унутуп калган. Азыр эми бала кезинде энеси урушуп койсо болкулдап, долуланып ыйлагандай ыйлайт. Тообо, сиз мени кантип таап алдыңыз? - деп сурайын дейт, сурай албайт.

Энеси маңдайынан сылап "Болду эми. Арам тентек, ушунча да ыйлайсыңбы. Жүрөгүңө муң толуп кеткен тура, ошол агып бүтпөй атпайбы" дейт. Колдору жупжумшак. Тим эле баягы... баягы бала кезиндегидей. Айрым учурда тентектигинен кагуу жеп ыйласа ушинтип сооротор эле.

"Энеке... энекебай, эрте эле келип алып кетпедиңиз да, мен сизди кандай гана сагындым. Кандай гана күттүм. Эрте эле, көп жыл мурда эле келбедиңиз да" деп бакырып-бакырып алгысы келет. Үнү чыкпайт. Тилин бирөөлөр байлап койгонсуп күрмөөгө келбейт.

"Кетесиңби? Жүрү!" дейт. "Кетем! Кетпегенде, ушул сиздин келишиңизди эле күтүп жүрбөдүм беле. Кантип кетпей коөюн. Жети атам тааныбаган бөтөн эл, бөтөн жерде өлмөк белем. Кетем. Өз эл- жериме барып өлөм. Өз жеримдин топурагы буюрсун" дейин деп такыр сүйлөй албайт. Ордунан козголоюн деп козголо албайт.

Энеси таарынгансып "А-а уулум, сен такыр чоочун болуп, кайрыла албай калган турбайсыңбы. Мен кургур ушунча убара чегип сени алып кетейин деп атайын издеп келбедим беле. Кантейин эми. Өзүң бил. Калсаң кал. Бирок, астыңдагы жол бүтүптүр. Башыңа түшкөндү көрөсүң да" - деп ордунан турат.

"Энеке... энекебай мени таштап кете көрбө" деп бакыргысы келсе да үнү чыкпайт.

Карааны үзүлүп, узаганда барып "Энеке" деп бакырып ордунан тура калды. Ойгонуп кетсе түшү экен.

Тим эле жаздыгы сууга чылангыча ыйлаптыр. Эмне болуп кеткенине түшүнбөй көпкө соксоюп төшөгүнүн үстүндө отурду.

Чын эле энесин унутуп койгон экен. Көп... көп жыл болуптур. Кызыл эт кезинен бооруна кысып тууган энесиндей баккан чоң энесин унутуп койгон экен.

Жүрөгү дүкүлдөп ойго чөгүп отуруп "унутпай эстегенде кыларым эмне эле" - деп күңгүрөнүп алды да кайра эрдин кесе тиштеди. Ата... баягы кылмышкерлер дүйнөсүн титиретип, кыргыз менен казакты бирдей бийлеп турганда "селсаяктардын" бирине баланча деген айылда бир кемпирдин жайы бар. Уулу "селсаяк" болчу. Мыкты күмбөз тургузуп, куран окуткула. Анан мага тургузган күмбөзүңөрдү сүрөткө түшүрүп келип көргөзгүлө деп, аты жөнүн берип койгондо бүтүп калчу иш эмес беле. Өзү баргандан качса да ушинтсе болот эле го.

Деги эсине келбептир. Бул күнү эрте туруп, өзү куран окуп коөюн десе билбейт экен. Айласы кетип ташкенттик досуна чалса шылдыңдап күлүп, "Ой хакас, сен мусулман эмессиң да. Кайдан Кудайды эстеп, куранды эстеп жүрөсүң?" деди. Энеси түшүнө киргенин айтып, калжыңы жок токтоо сүйлөшкөндөн кийин гана "түшкө жуук молдо жиберейин. Бул жакта бир дефицит молдо бар" деди.

Анан уйкусу качып бакчасында сейилдеп жүргөнү. Эмнегедир жүрөгү түйүлүп-түйүлүп ооруйт. Бирде алеп-желеп болуп кетет. Бир чоң өзгөрүү болордо, өзгөчө чоң жамандык жакындап келатканда ушинтчү эле. Баштан далайлар өтүп, өз туюмун жакшы билип калбадыбы.

Карган багбанга али уктап жаткан жансакчыларын чакырттырып алып "Сак болгула, күтүүсүз конок келчүдөй болуп турат. Ар бир келген кишини текшерип киргизгиле" деди. Бул эки сакчысы шаарга чыкканда гана кошо чыкпаса үйдө эч нерседен бейкапар жүрө беришип көнө түшүшкөн эле. "Күтүүсүз конок" дегенди укканда үрпөйө түшүштү.

Чет өлкө десе делдектеп келип алышып бул экөө деле сыртына ачык чыгарыша элек болгон менен ичтеринде эл жерди сагынып буулугуп жүрүшкөнсүйт.

Бир чети жумуш чыкканга бойлорун жыйып, колтуктарындагы куралдарын текшерип тириле түшүштү.

Рыжый айткандай эле арадан эки саат өтпөй дарбазага капкара "Мерседес" келип токтоду. Ташкенттик досу экен. Молдо ээрчитип келдиби десе өзү эле жалгыз келиптир. Шашканынан тим эле жүгүрүп кирип келди.

- Рыжый, сен бул жакка келээрде жайлап келген Азиятыңдын үзүлгүс куйругу бар экен. Сен Азият эмес эле жети баштуу ажыдаарга жолугупсуң "селсаягым". Чыныңды айт, анын эмне сырын билесиң? деди кеп сөзгө келбей демиге. Экөө тиктеше түшүштү. Тиктешкенде да карышкырлардай тиктешишти. Экөө тең сезди. Бири-бирине тиш салууга даяр экендерин.

- Мен анын эч кандай сырын билбейм. Таң атып келатканынан сөзүн аягына чейин укпай атып койгом - деп болгон чындыкты сага айткам. Менин башка кошумчалар эч нерсем жок. Сен мени билесиң. Эч убакта мындай иште калп сүйлөп көргөн эмесмин.

Тигил айласы кеткендей орунтукка шалак отурду да.

Рыжый, кечир Толик... тфу... Жер кускур, сени кайсыл атыңдан атарды да билбей калам, иш өтө чатак. Сага "конок" келет. Менин күчүм аларды токтотушка жетпейт. Өз жаным аман калса болду. Эгер кандайдыр бир жашырган "сырың" болсо айтып кутул. Ошондо, балким, жаның калат. Мени "келди", -деп айтпа. Кеттим - деди да кайра чыга жөнөдү.

- Токточу, менде чын эле "коноктун" келишин үйдөн күткөндөн башка жол жокпу? - деди эле тигил кайрылып карап туруп:

- Рыжый... Рыжый... кайран карышкырым, картайган экенсиң. Жолу болсо келемби? Жөн эле "сууга чөгө турчу" деп телефон кагып койбойт белем. Сен сага кандай "конок" келээрин элестете да албайсың - деди да чыгып кетти.

Рыжый турган ордунда каткан бойдон кала берди. Мээси ысып чыкты. Бул ташкенттик майда ишке минтип чуу көтөрчүлөрдөн эмес. Демек, иштин бүткөн жери. Качар жер калбаса керек. Бөлмө ичинде ойлуу ары-бери басып турду да "Башка келгенди көрөйүн. Акыры бир өлүм. Эртедир-кечтир ушул сызыкка жетмекмин" деп өзүнө-өзү кайрат бере боюн жыйнады.

Анан эки жаш сакчысын чакырды. Экөө тең келгенден кийин аларды диванга отургула деп коюп өзү адатынча ары-бери баса:

- Селсаяктарым, силер мага ушул кезге чейин ак кызмат өтөдүңөр. Рахмат. Эми силердин убалыңарга калгым келбейт. Үнсүз басып барып дубал боорундагы картинаны алып, артындагы сейфти ачты да, пачкалаган долларларды алып чыгып бүт болгонун тең экиге бөлүп экөөнө карматты да, сөзүн кайра улады - Силер жашсыңар. Ошондуктан жашашыңар керек. Мына экөөңө эки паспорт. Мурда эле даярдатып койдум эле. Эски СССРдин паспорттору. Менин тилимди алгыла да, бүгүндөн калбай Россияга же Казакстанга кеткиле. Анан акыркы айтарым, кылмышка экинчи барбагыла. Жаңыча жашоо баштагыла. Болду. Сөз бүттү - деди.

- Тигил экөөнүн ооздору ачыла, эстери ооп калышты. Бири;

- Босс... кантип, - деп келатканда

- Сүйлөөнүн кажети жок. Коштошуу үлпөтүнүн да кажети жок. Азыр мага "конок" келет. Аларды эч ким токтото албайт. Ошондуктан аман калгыңар келсе тез чыгып кеткиле - деди да өзүнүн төрдөгү демейдеги орунтугуна барып шалак отурду.

Тигилер иш өтө коркунучтуу экенин туюшуп шаша чыга жөнөштү.

ххх

Оор машыгуудан кийин муздак сууга чайканып келип жыгачтын үстүнөн эле дермантин каптап койгон катуу текчеде сулк жаткан Мырза уктайын деп да уктай албады. Ушул шаарга келгенден бери машыгуу, шаарда машина айдап, түрлүү сый кийимдерди жарашыгы менен кийип койкоюп басуу, сый сүйлөө өңдүү тажатма окуулардан башка жумушу жок. Тажай баштады. Өткөн өмүрүн ойлой баштады. Келечегин ойлой баштады. Тигил тоо арасындагы согуш лагеринде жүргөндө, Ооган жеринде боевиктер менен жүргөндө ойлонууга убакыт болчу эмес. Азыр капаска түшкөнсүп буулуга баштады. Тоолордун кокту-колотун кезип, талаа кезип жортуп жүргөн карышкыр капаска түшкөндөй абалда, темир торду кажып, тиги бурчка, бул бурчка бир урунуп, ээндикти, эркиндикти сагынып, астынан чыккан аңга каалагандай тишин батырып ысык канын төккөндү сагынып буулуккандай буулуга баштады. Тим эле шаар турмушу жүдөтүп ийди. Бири-бири менен жасалма жагынып сүйлөшмөй, ичинен жегиси келип турса да ыржайып күлүп тосуп, жымыңдап узатмай тажатып жиберди. Так ушундай жөнөкөй атрибуттарды жасай албаганы үчүн кагуу жечү болду.

Канчалык "мыкты" деген спорт залың да бирде кырга тик чуркап чыгып, бирде тик ылдый сайылып түшүп, бирде бут эшилген кумга баткан талаа лагериндеги машыгууларга кайдан жетсин. Атайын машыгуу машиналарын күрсүлдөтүп эки-үч сааттап көтөрүп, чоюп жатып тер чыгарат да тажап кетип колун шилтеп басып кетет. "Леп" эткен жел жок бөлмөдө ок атып машыккандан тажайт. Мындай жерде машыккан "көзгө атарлар" тоого барып көрбөйт бекен. Кырдагы шамал менен ойдогу шамалдын айырмасын туюп, окту шамал канчага бурарын туюп, бутага тийгизе алат бекен? Хе... бутаны кой, огу кайда кеткенин билбей калаар. Ошондуктан тоонун жапайы бөрүлөрү жылуу үйдө багылган аюудай иттериңди да коөндой гана пырпыратып баса калып, тытып салып жүрүшпөйбү. Мунун сырын Мырза так ушул жылуу-жумшак спорт залга кирип алып оңтойлуу орундуктарда машыгуучу машиналарды чойгулаганда түшүнүп жатпайбы.

"Силерге ойлонууга убакыт бергенге акым жок. Силер бардык ишти ойлонбой так, тыкан, шамдагай аткарууга көнүшүңөр керек. Силер ойлоно баштасаңар менин бүт жасаган эмгегим талаага кетет" деп калчу тоодогу согуш лагериндеги машыктыруучусу. Мунун сырын да ушул жерден түшүндү.

Өзү жашы канчада экени белгисиз Раджу аттуу картаң индус өзгөчө Мырзанын жети теринт чыгарып эзүүчү. Жаман көргөнүнөн эмес жактырганынан ошентер эле. Өзү билген бүт өнөрүн Мырзага гана чечилип башкалардан бөлүп өзүнчө үйрөтөр эле. Калган өмүрүмдү дагы сендей окуучуга туш боломбу кудай билет. Билгеним башым менен кетпесин сага таштайын деп көп айтчу. Мырза ага терең деле маани берүүчү эмес. Үлгүлүү окуучу катары гана тырышып үйрөнө берүүчү.

Жыйырман өтүп калган жаш өмүрүндө артына кылчайса эстегидей деле таттуу күндөрү жок экен. "Балалыктын татуу күндөрү" дешет. Кайдан. Балалыгы... Жетимкана... ар кимдердин колунда... анан, күтүүсүз согушчандарды окуткан лагерге түшүшү. Мына болгон өмүрү. Ичин тызылдатып жүрөгүн дайыма эзген, эс тартканы көкүрөктө келаткан бир суроо бар. Атам ким? Кандай неме? Энем ким? Кандай неме? деген. Акыл кирген сайын башкалардын ата-энесин көргөндө "мен деле ата-энемди бир көрсөм, жок дегенде сыртынан эле бир көрүп койсом" деп Кудайдан тиленип-тиленип эч кимге көрүнбөй жуурканына чүмкөнүп өксүп-өксүп ыйлачу.

Анан жатып алып кыялдана берчү. Күндөрдүн бир күнүндө, атам менен энем ээрчишип кирип келишсе. Экөө тең келишкен сулуу, сымбаттуу немелер болсо "Балам, сени биз ишке байланыштуу таштап кетүүгө аргасыз болдук эле, эми алганы келдик. Мындан ары биз бөлүнбөйбүз дешсе" дечү. Ал түгүл ата-энеси үчүн түрлүү шылтоолорду да ойлоп тапчу. Бирде, экөө атайын тапшырма менен түндүк муз океанына кетишкен десе, бирде, Антарктидага жиберчү. Деги ата-энесин акташ үчүн ойлобогону жок эле.

Анан калса жетимканада сейрек болсо да мындай окуялар кездешчү. Кээде энеси же атасы издеп келип алып кетсе, кээде ата-энеси чогуу келип баласын ыйлап-сыктап алып кетүүчү.

Мырза ошондо ата-энесин тапкан баланын кубанычы кандай болду экен? Биринчи эмне деп ойлоду болду экен? Өзүн кандай сезип кетти болду экен? деп ойлой берчү. Көп күндөргө чейин ошондой окуя эсинен чыкпай, ал түгүл түшүнө да кире берчү. Бирде өзүн ошол ата-энесин тапкан баланын ордунда көрсө, бирде ата-энеси Мырза экен деп башканы алып кетип, "Ал силердин бала эмес. Силердин балаңар менмин. Адашып калдыңар" деп аркасынан чуркап жетпей, демигип атып ойгончу. Мына эсинде калган балалык күндөр дегени.

Баса, жан кишиге айта элек бир сыры бар. Эстегенде жүрөгү туйлап ууртунда ууру күлкү ойной түшөт.

Окуя Көлдөгү жетимкана жабылардан жарым жылча мурда болгон. Директордун мал баккан досу бар экен. "Балдарыңдан бирөөнү бербейсиңби, жайлата кой кайтарганга жардам берсин", деп сурап келиптир. "Ушул бала мыкты. Өзү чынчыл. Жумушту да так жасайт. Жүргөн-турганы да жакшы. Куулук-шумдук дегенди билбейт. Аты айтып тургандай эле чыныгы "Мырза" деп аябай мактап кошуп берди.

Ошентип жайлата кой кайтарып, ошол малчынын үйүндө жүрүп калды. Өзү ак көңүл, бажактаган шайыр адам боло турган. Аялы да кыялы жумшак жакшы киши болчу. Үч кыз, эң күчүүсү бирге чыга элек эркек, төрт балалуу немелер эле. Эң улуу Асел аттуу кызы Мырзадан бир жашча кичүү болчу. Алгач бул үй-бүлөдөн өзүн чоочун сезип, жалаң өзүнүн милдети болгон мал менен алектенип, малчынын колуна кол, бутуна бут болуп жүрсө, бара-бара билинбей эле үйдөгү кичинекей балдарга каралаша коюп жүрүп бир үй-бүлөдөй болуп, кантип аралашып кеткенин да билбей калды. Кантсе да жашы тең чамалаштык кылып өзгөчө Асел менен алышып ойноп кеткен күндөрү көп болоор эле. Ошондо да өзүн эркек сезип боюн оолак кармаганга аракеттенчү. Ага болбой ата-энесинин көзү мындай болсо эле Асел тийишип жанын койчу эмес.

Күз келип айыл четиндеги сарайга көчүп келишкен. Мырзаны болсо "Сен окуп чилистен болмок белең. Бир айча кеч барсаң эч нерсе болбойсуң. Директор досума өзүм айтып коөм. Балким, сүйлөшүп бизге бала кылып алам" деп окуусуна жибербей жүргөн эле.

Ушундай күндөрдүн биринде Асел экөө уй айдап келатып кыз суроо берип калды

- Мырза сен өбүшүп көрдүң беле? - деп. Мырзанын бети дуулдай түштү. Өмүрүндө биринчи жолу кыздын астында чекеси тердеп эмне сүйлөрүн билбей калды.

- Жок - ... деди үнүн пас чыгара. Өзү шыпылдаган ачык айрым Асел Мырзанын астына тура калып:

- Кел өбүшөлү? - деди.

- Тим эле коөлучу - ... деди Мырза үлдүрөп.

- Эркексиңби? - ... деди Асел мурчуя. Кантсе да намыстана түшкөн Мырза:

- Мейли - деди да Аселдин бетинен "чоп" дедире өөп койду. Аселдин бети алоолонуп кызарып кетти. Шап эки колу менен бетин баса калып чуркаган бойдон кетти.

Мырза ордунда баса албай туруп калды. Бир чети коркуп да кеткен эле. Кыздын артынан:

- Өзүң сурандың го - ... деп кыйкырайын деп үнү чыкпады. Ордунда кыймылдабай туруп ойлоду. "Ата-энесине айтканы кетти го. Кантсем. Качып жөнөсөмбү?" - деп. "Балким айтпастыр" деп да ойлой кетти. Кантсе да өзү суранбады беле.

Ошондо да мал жайлаганга күймөлүмүш болуп үй тарапка кулак түрө бир топко сыртта жүрдү.

Байкаса, баары тынч сыяктанат. "Ой Мырза, бас үйгө, тамакка кел" деп кыйкырышканда араң барды. Көз кыйыгы Аселде. Ал дегеле эч нерсе болбогонсуп кыңылдап ырдай, идиш-аяк менен алек. Мырза тарапты карап да койгон жок. "Айткан эмес экен" деп кубанып кетти. Жүрөгү "тыз" дей түштү, Аселди жакшы көрүп, элжирей карап койду. Буга чейин өзүнө белгисиз сезим ачыла түштү. Экөөнүн кылыгын энесине айтпай жашырып койгонуна жетине албай элжиреди. Ошол ошол болуп, эки-үч күнгө Асел экөө бири-биринен оолакташып, ал түгүл бирин-бири тике карабай көздөрүнүн үстүлөрү менен кыйгач карап жүрүштү.

Бир күнү Мырза чөпканада чачылган чөптү жыйнап жаткан.

- Мырза... - дегенинен караса Асел туруптур. Экөө тиктеше түшүштү. Мырзанын колунан айрысы түшүп кетти. Үн деген жок. Кыз басып жакын келди да:

- Дагы өбүшөлүбү? - деди.

Мырза үн дешке жарабады. "Жок" дейин десе эмнегедир ичинен каалап турат. "Давай" дейин десе сүйлөөгө дарманы жетпейт. Унчукпай кызды "Аясаң боло" дегенсип жалооруй тиктеди.

Кыз аябады. Дагы жакын ыктап буттарын көтөрө бул жолу бетин эмес эриндерин тосту.

Мырза кыз "дагы зыр коюп качат го" деп ойлой, эриндеринен акырын өөп койду. Кыз бул жолу качпады. Тескерисинче колдорун Мырзанын мойнуна арта эриндерин дагы тосту. Мырза да эрдемсий түштүбү же кандагы инстинкт ойноп кеттиби ким билсин кызды кучактай калып, оозунан кадимки кинодон көргөндөй өбүүгө аракеттенди. Ал түгүл өзүнүн эмне кылып атканын да унутуп койду.

- Атаң-ды-ын оозун урайын жубарымбек! Мунун кылыгын кара... - деген ачуу үн шак эсине келтирди. Караса, арыта Аселдин атасы камчысын булгалап келатыптыр.

Кызды таштап бул жолу Мырза биринчи качты. Кичинеде эсине келген кыз экинчи жакка качты. Иш бул жолу оңолгус болуп калганын туйган Мырза арыта байлануу турган чабдар атка ыргып минди да жетимкана жайгашкан шаарча тарапка чуу койду. Жөө качса ат менен бат эле кууп жетип алышмак. Ошондуктан атты мине качты. Жайлата малда жүрүп атка бышыгып калган неме туура жетимканага жеткенче ат оозун жыйбады. Жетимкананын короосунун оозуна келгенде гана токтоп, аттан секирип түштү да чабдардын жүгөнүн башына түрүп туруп кайра келген жагына айдады.

Ошол бойдон малчы Мырзанын артынан издеп келбеди. Кейпи, ат үйүн таап барса керек. Аселдин эмне болгонун да билбеди. Директор "эмне качып келдиң?" - дегенде "Окууга жибербей койду. Ошондуктан качып баса бердим" деп койду. Директор болсо:

- Ал түркөй ошентет. Мынча келбесең артыңдан издеп барайын деп жаткам, - деп жооткотумуш болуп койду. "Акыры келип чоң чыр чыгарат го. Бир таяк жешим турулуу болуп калды" деп бир жумача алактап корккон Мырза бара-бара өзү үчүн корккон санаасы тынчып "Аселди өлтүрдү го. Мен үчүн жонун тилишти го" деп ойлогон сайын жанын коөрго жер таппай "Кап, качпай эле койбой. "Мен күнөөлүүмүн. Өптүрчү,- дегем", десем, балким Аселди урбай мени урушат эле. Өлтүрүшмөк беле, көп болсо камчы менен беш-алты чапмак" дечү болду. Далай жолу жөө-жалаңдап болсо да барып Аселдин кабарын алсамбы деп жыйналып, бирок батынбады. Убакыт кандай өткөнү билинбей, кыш келип жетимкана жабылып шаарга кетишти. Канча жылдар өттү. Асел эстен чыкпайт. Кийин чоңоюп акыл токтоткондо "Мээм жок экен. Окуган мектебине барганды билбепмин да. Үйүнө кантип барам деп жүрө бербей" деп өз башын өзү койгулап калат.

Али бүгүнкү күнгө чейин көздөрүн жуумп, бөйтөйгөн эриндерин тосуп, согончогун көтөрүп ыктап турган Аселдин элеси көз алдына таптак тартыла түшөт. Ал түгүл анда-санда түшүнө да кирип "Мырза өбүшпөйлүбү?" дегенде ордунан секире чоочуп ойгонуп кетет.

Ушул шаарга келип бекерчиликтен эриге баштаганда ого бетер түшүнө "Асели" көп кирчү болду. Азыр кандай кыз болду экен.

"Келишкен сулуу кыз болуп чоңойсо керек. Ошондо эле сулуу эле. Жок дегенде бир көрсөм,- деп коөт да. Мени эчак унутса керек. Балким, башка жигит таап алгандыр" - дегенди ойлогондо жүлүнү зыркырап өзүнөн өзү кызганыч пайда болуп кыжырлана түшөт. Ошондуктан, "башка жигит таап алды го" деген ойду ойлогусу да келбейт.

Ушул кезге чейин бул сырын эч кимге да айтпайт. Жүрөгүнө катып келатат. Бирөөгө айтса эле жоголуп кетчүдөй коркот. Айткан адам алып койчудай кызганат. Ошондуктан, жан адамга четин да чыгарбай тымпыйат. Эки гана байлыгы бар. Бири ушул сыры, экинчиси "Мырза" деген аты. Мырза деген атты канчалар өзгөртөбүз деп көрүштү, болбоду. Өлсө өлүшү мүмкүн, бирок, атын өзгөртпөйт. Фамилиясын кандай каалашса өзгөртө беришсин, баарына макул. Атына келгенде таш болуп катып калат. Бирөө менен таанышса да атын гана айтат. Эч убакта фамилиясын айтпайт. Сураса "анын эмне кереги бар?" деп коөт.

Мына ушул шаарда бекерчиликте жатканда башына ой келди "Буга чейин эмнеге жашап жүрдүм? Мындан ары эмнеге жашайм?" деген. Мурда ойлобоптур. Жаман ой экен. Тим эле курттай жечү болду. Тытынса да мээсинен чыгып кетчүдөй эмес. Кайта-кайта тыз-тыз сайып, канды сорот да турат.

Ооган жеринде согушчандардын арасында жүргөндө бир араб экөө жакын болуп кетишти. Жашы кырктарга барып калган согушчан болчу. Экөө англисче аңгемелешчү. Бир жолку кандуу жүрүштө оор жарадар болуп калды. Эки күн Мырза жонуна көтөрүп жүрдү. Жарадарларды алып кетүүчү вертолет келбеди. Башкалардын: "атып салсаңчы, баары бир адам болбойт" деген ишаратына макул болбой, Мырза мешоктой жонуна артып ташыды. Салмагы 70 кг.дан ашык болчу. Козу көтөргөн карышкырдай тигини ийнине артып алып беркилерден калбай жүгүрүп жүргөн Мырзанын күчүнө ошондо бүт согушчандар ооздору ачылып таңданышкан.

Жараты ырбап, күчөп жаны катуу кыйналганда, Мырзага бир сөздү кайта-кайта айта берди: "Мырза мени ук. Өзүңдү тап. Бул жашоодо бекер жашабай өзүңдү тап. Мен өзүмдү өлөөрүмдө таптым. Бирок, эми баары кеч болуп калды. Сен да мендей өзүңдү кеч таппай эрте тап, мусаапырым" деп какшап жатып, жүрөк титиреткен бир окуяны айтып берди.

Чынында бирөөнүн өмүр баянын, турмуштан кыйналганын, жолсуз экенин уккусу келчү эмес. Эмнегедир ошондо арабдын аңгемесине жанына жакын отуруп алып үнсүз кулак төшөдү. Ооганстанда согушчандардын көпчүлүгү апийимди көңүлдү жайгарчу дары катары пайдалана беришчү. Ал эми жарадар болуп калса жараттын жан чыдагыс оорусун басуучу бирден-бир дары апийим гана боло турган. "Ченелүү өлчөмдө ичсе наркоман болуп апийимге ооп кетпейт" деп өздөрүн-өздөрү алдап коюшканы менен көпчүлүгү апийимден айрыла алгыс абалга жетип калгандар эле. Мырза апийимди такыр оозуна алчу эмес. Табити тартпады. Ал түгүл жарадар болгондо да апийим тиштебеди. Жөн гана тиштенип чыдап койгон. Араб болсо улам жаны кыйналган сайын апийим кошулуп кайнатылып муздатылган чайдан жутат да апийимдин күчү денесине тарап жай алгыча үнсүз жатып калып сүйлөөгө жараганда кайра аңгемесин баштайт. Жөн сүйлөбөй кайта-кайта Мырзага: "жакшылап угуп, көңүлүңө түйүп ал", - деп коөт.

Арабдын жараты өтө оор болчу. Саналуу гана сааттык жашоосу калган. Балким, бул жалган дүйнө менен түбөлүк коштошуп, чын дүйнөгө бараткан адамдын сурануусун кыйбай уктубу, ким билсин, кыскасы, аңгемесин толук укту.

- Мен кичинемден эле жанымды коөрго жер таппаган неме болдум - деп баштады аңгемесин. - Курган ата-энем мен үчүн эмнелерди гана кылышпады. Европанын, Американын эң мыкты деген окуу жайларында билим алса деп эңсешчү. Анүчүн каражаттарын деле аяшкан жок. Окубаган окуум, кызыгып кетемби деп байкап көрбөгөн кесибим да калбады. Азыр ойлосом, бир жерге ашса эки жыл туруптурмун. Анан эле өзүмдү коөрго жер таппай элире баштайм. Дүйнөдө кыдырбаган жерим да калбады. Эч жер токтотуп кармап калган жок. Атамдын жыйган дүйнөсүн самандай сапырып чачтым. Башка мураскору жок болгондуктан, "өз дүйнөсү, эмне кылса өзү билсин" дештиби же "эртедир-кечтир акылына кирет" дедиби унчугушпады. Анан калса аталаш эжемдин да мураскору жок бүт байлыгын мага калтырып кетиптир. Тартыштык, акчасы жок калуу дегенди билбедим.

Ошентип, урунду-беринди болуп жүргөн күндөрүмдүн биринде деңизде саякаттап жүрүп кичинекей чакан аралчага барып калдым. Өзү чакан болгону менен ушундай кооз арал экен дейсиң, түрлүү жемиш токойу, бардыгынан да кызыгы куштардын көбүн айтпа. Куштар ушунча бейкут жашаган жер экен. Ачык жерге эле уя салып балапан чыгара бериптир. Мени таңдандырганы бир да жырткыч куштун же куштардын жумурткасын жеген жыландын жоктугу болду.

Эмнегедир кыжырым келип кетти. "Кара буларды, бейиште бейкапар жашап жатышкан тура. Тигил жакта ушундай эле куштар уяларын жылан жеткис, адам жеткис жерлерге салып, дайыма коркунучта жашап, эптеп тукумун көбөйтүп жатса булардын сайран курганын", дедим да, кайра жээкке келип жыланчыларга: "мага жүз түгөй эркек-ургачы, жалаң жумуртка, балапан менен тамактанган уулуу жыландардан кармап бергиле" дедим. Эрикпей, жыландарды аралга алпарып коө бердим. Бир жумадан ашык ачка кармаган элем. Тим эле четинен мойсоп киришти. Ох, ата-а... жумурткасын жумурткадай, балапанын балапандай талкалап киришкенди көрүп туруп өзүмдүн да үрөйүм учту. Тынч жаткан арал чуу түштү да калды. Эмне болсоң ошо бол деп кете бердим. Ак темгили бар, узун чаар жылан гана башкаларга кошулуп курсак тойгузуунун камына кирбей, тири укмуштай заардуу ышкыра тике тура калып бизге кол салайын деп батынбай, улам артыбыздан удургуп сойлой ээрчип сууга чейин кирип келип узатып кала берди.

Аралды арадан туура алты жыл өткөндө эстеп, атайы бардым. Тообо сага калп, мага чын баягы бейиштей болгон аралдын кейпи суук. Дымыраган өлүү тынчтык, жээкке түшүп баса албадык. Оролушкан жылан быкпырдай. Тим эле жабылып талап жечүдөй. Бизди алыстан көргөндө эле окторулуп тике туруп ышкырышат. Кейпи, бүт канаттуу аттууну жеп тукумун курут кылып эми ачкадан бирин-бири жеп жатышса керек.

Аралды айлана сүзүп, дүрбү менен карап бир да учкан куш көрө албадык. Өз ишиме өзүм курсант боло албай, же кайгырганды билбей, бир капталым эңшериле түшүнүксүз сезим менен кайттым. Арадан жылдар өттү. Кейпи, дагы 4-5 жылча өтсө керек. Арал эсимден чыкпай койду. Түшүмө да кирет. Акыры кайра бардым. Барсам, аралда кайдан экенин ким билсин, балким, мага окшогон бирөөлөр жеткиргендир. Балким, өздөрү таап баргандыр. Жыланчы бүркүттөр каршы-терши сызып учуп жүрөт. Жээкке түшсөк баягы оролушкан уюктан дайын жок. Түбүнө жетип коюшуптур.

Аңгыча атайын күтүп жаткансып жээктеги аска таштын арасынан чыга калып баягы ак темгили бар чоң жылан мени шуулдап түз качырып сала берсе боло. Жанымда коштоп жүргөн төрт жардамчым бар болчу, аларды эмес, түптүз мени качырды. Шашканымдан кайда качарымды билбей калдым. Туура мага жетип, атылып келип мойнума оролоордо бир жаш бүркүт шып илип кетти. Бүркүттөр үстүбүздө айланып жүрүшкөн. Жаш бүркүт кантсе да курчтук кылып адамдан коркпой, жемди көргөндө качырып сала берди окшойт. Мен эсимди жыйа албай, турган ордумда катып калдым. Ал түгүл бүркүт жыланды кайда алып кетти кароого дарманым жетпеди. Анан бир айча ооруп жүрүп айыктым.

Бир арманым калды. Ошол аралга кайрылып барып дагы көрөм деп жүрүп көрбөй өлүп баратам. Кейпи, кайрадан мурунку калыбына келип, түркүн куштар уя салып бейиштей бейпилдик жашоосу кайрылган болсо керек. Сенден сурайын, ошол аралды мен үчүн барып көрүп койчу. Мен дарегин жазып берген кишилерге барсаң сени өздөрү катерлери менен алпарат.

Мырза үн дебеди. Кайдан, кантип көрөт. Сыртынан айта албады. Мына, мына үзүлүп бараткан адамдын көңүлүн ооруткусу келбеди.

Араб кыйлага үнсүз жатып калды да, бир кезде калтыраган колдорун сунуп чай сурады. Эки кружка чайды удаа төгүп-чачып тартып жиберди. Кичине жаткандан кийин кадимкидей өзүнө келе түштү.

Ички чөнтөгүнөн басмаканадан чыккан түстүү кагазды алып чыгып ручкасы менен арабча бир нерселерди шашпай дыкат жазып толтурду. Анан Мырзанын атын, фамилиясын, жерин сурады. Так атыңды айт деди. Дагы бир кагазга дагы бир нерселерди жазды да экөөнү тең Мырзага сунду.

- Мырза, мына бул эки кагаз менин бүт дүйнө мүлкүмө сенин ээ экениңдин далили. Бул кагаздар өтө баалуу кагаздар. Бирден- бирден гана нускада чыгарылган. Англиянын акча баскан басмаканасында басылып, жашыруун коргоочу белгилери бар. Басмаканада каттоодон өткөн. Ошол эле Лондондогу нотариалдык контордо катталган. Кыскасы, бүт мыйзамдуу. Мен өз колум менен толтуруп, тиешелүү жашыруун белгилерди койгонумдан кийин кимдин аты-жөнүн жазсам ошол киши мураскорум болуп калары толук мыйзамдуу. Сен шектенбей эле кой. Мендей жалданып согушкер болуп жүргөн кан ичерде канча дүйнө бар деп турасың го. Мен башында айттым го. Акча үчүн ушинтип дүйнө кезип жүргөн жокмун. Өзүмдүн жанымды коөрго жер таппай тентип жүрдүм. Минтип ичер суум Ооганстандын какыраган чөл тоолорунун арасында бүтүп баратат. Бул да тагдырдын буйругудур.

Мырза, сенден дагы бир нерсени сурайын, менин сөөгүмдү терең казып мыкты көмө көр. Чөөлөр казып жебесин. Белги коюп, кийин мүмкүнчүлүгүң болсо алпарып деңиз жээгине койчу. Деңиздин толкуган добушун сагындым. Деңиз жээгинде төрөлгөм да. Ме, бул кагаздарды мыктап кат, - деп Мырзага эки кагазды тең сунду. Мырза үнсүз алып бүктөп ички чөнтөгүнө салып койду.

Байлык деген нерсе Мырзага такыр түшүнүксүз болчу. Ошондуктан эч кандай маани деле бербеди.

Тигил Мырзаны тиктеп турду да оор күрсүнө

- Эх... тоонун жапан жолборсу, чөнтөгүңө эмне салганыңды да ойлогон жоксуң. Сенин өмүрүң узун болот. Көп жакшылыктарды көрөсүң. Сенин катарың согушкерлердин арасында эмес. Айтты-койду дебе, өз жолуңду табасың. Мен да өзүмдү өлөөрүмдө таптым. Мен өзүмдү сырттан дүйнө кезип издеп жүрсөм ал ичимде экен. Жүрөгүмдүн астында жатыптыр. Деңиздин толкунун угуп, балыкчыларым менен балык уулап, деңиз ырын ырдап жүргөн күндөрдөн ашкан ырахат жок тура, унчукпай, тунжурап калды.

Мырза көңүлүн жубатаар да сөз айта албады. Калп сүйлөгөндү билчү эмес. Чын эле өлүп баратканын көрүп турган.

- Дагы чайыңдан берчи, - деди. Мырза туруп чай куюп сунса колун көтөрүүгө жарабай мойну "шылк" дей түштү да, "кор- р" деген үн чыкты. Бул жандын денеден толук чыгып кеткенинин белгиси. Согушчандар муну жакшы билишет. Кружкадагы чайды серпип тескери жакка төгүп жиберди да отуруп куран окуду. Анан ордунан туруп тигинин да, өзүнүн да бел күрөктөрүн алып арырак басып барып, оңтойлуу жер тандап казып кирди. Катуу жүрүштөн чарчаган согушчандардын бири да кыймылдап жардамга келбеди. Бүт тырп этпей уктап жатышты. Кароолдо турганы гана басып келди да "жаны жаннат болдубу?" деп сурап коюп күбүрөй дуба түшүрдү да, кайра басып кетти.

Мырза терге чөмүлө, жайды чын эле терең казды. Капталынан оюп жаткырчу жайын да дайындады. Анан кароолчу экөө көтөрүп келип жаткызып, мыктап көмдү. Үстүнө таш ташып келип бастырды. Мырзанын аракетине таңданган кароолдогу моджахед "Эмне тууганың беле?" деп сурап койду. Мырза адатынча унчукпады. Согушчандар мындай жүрүштө кайтыш болгондорду ташка корумдап кете беришчү. Ооган жеринин топурагы цементтей катуу болуп, анысы аз келгенсип таштак келип терең казууга мүмкүн эмес эле. Мырза кара күчкө салып эки күрөктүн мизи тең мулуюп жешилгиче, арабдын билектей кош миз канжары сынгыча койгулап атып казды.

Согушчандар турганда чогулуп куран түшүрүштү да "жаның шейит болду "деп коюшуп кете беришти. Болгон документтерин командирине өткөзүп берди. Ошол бойдон араб унут да болуп калган. Азыр минтип бекерчиликте жатканда эсине түшүп жатпайбы. Араб берген эки документти карап көрүп өз аты-жөнүн окугандан башкасына түшүнбөдү. Белгисиз сандар, тамгалар жазылыптыр. Эки кагаздын тең этегинде Лондондогу банктын дареги арабча, анан англисче жазылган экен. Так түшүнгөнү ошол болду. Нечен жолу "тытып ыргытып жиберейин" деп кайра "мейли, жүрө берсинчи" деп койчу. Өзүнүн Лондонго барганын элестете алчу эмес. Анын үстүнө бул кагаз канча байлыкка ээ белгисиз болчу. Өмүрүндө ири сандагы акчаны колуна кармап соода кылып көрбөгөндүктөн байлыктын чен- өлчөмүн да ажырата алчу эмес. Арабдын берген эки кагазына караганда "Өзүңдү тап. Бул жашоодо бекер жашабай өзүңдү тап" дегени кулакка жаңырчу болду. Мына ушул кудуреттүү эки ооз сөздүн жандырмагын чечкиси келип баш катыра баштады.

ххх

Шыпылдай баскан инструктор аял кирип келгенде көнгөн адатынча ордунан шак секирип туруп түптүз болуп калды.

- Даярдан, тапшырмага жөнөйсүңөр, - деди да баштан аяк сынай карап коюп чыгып кетти. Даярдана турган эч нерсеси жок бир сыйра кийинет да, ал деген куралды жанына алып кете бермей.

Ошондуктан ийнин күйшөп койду да жеңил спорттук киймин чечип мурдатан берилген кийимдерди кийине баштады.

Тапшырма кыска берилди. "Кандай да болбосун тирүү кармап келесиңер", - деп чакан бойлуу "Рыжый Болоттун" сүрөтүн көрсөтүштү.

Казакстан менен Кыргызстанга аты чыккан кылмышкер болгон. Ошондуктан жөн салды ээрчип келе калбайт. Күч колдонуп калышыңар толук мүмкүн. Кыскасы, эмне кылсаңар да тирүү кармап кожоюндун астына алып келгиле дешти.

ххх

Тапшырманы аткарууга эки машина менен сегизи жөнөдү. Башчы кылып италиялык шыпылдаган бирөөнү тааныштырышты. Мырза баш болгон төртөөнө "УЗИ" автоматтарын жана бирден "Макаров" берди. Калгандары болсо башкача пистолеттер менен куралданды. Окту каалашынча алышты.

Италиялык "Рыжыйды" шаардагы "мыкты" деген ресторанга "конокко баралы" деп чакырып чыкмай болду. Бир машина жолдо күтүп турат. "Рыжыйдын" үйүнө бир машина менен барышат. Ал сөзсүз өз машинасы менен чыгат деп пландашты. Мерчемдүү жерден берки машина жолду тосот да планды ишке ашырышат. "Рыжый" эч нерседен шекшинбейт. Демек, иш жайында болот деп ойлоп коюшту. Италиялык болсо бир атактуу адамдын атынан таанышмак болду.

"Рыжыйдын" улуту ким экенин эч кимисине айтышпады. Анын кереги деле жок болчу. Сүрөтүнө карап "азиат экен" деп коюшту.

Телохранителдери чыгып кеткенден кийин бөлмө ичи дымырап өлүү тынчтык басты. Ойго бата үнсүз көпкө отурган "Рыжый" акыры ордунан туруп аркы-терки баса баштады.

Кейпи, качар жери калбай калса керек. Шалдыраган "Протезди" эстеди. Ажалына жолуккан экен. Кайдан да "Азият" дегенинин куйругун басты десең. Өткөнгө көп өкүнө берчү эмес. Ошондо да ушул жолу эрдин тиштей сыздап алды. Жок дегенде Азияттын сөзүн аягына чейин укпаганын кара. Ичине каткан эмне балекет сыры бар экенин билип койгондо, балким, азыр соодалашмак. "Менин жанымды тынч койгула. Каалаганыңар ушул болсо мына" демек. Азыр жоопсуз абалда. "Эч нерсе билбейм" десе ишенишпейт. "Билем" дейин десе айтары жок, ири суммадагы байлыкка байланышы бар экендигин түшүнүп турду.

Азаптуу кыйноого түшкүчө өзүн-өзү өлтүргөнү туура. Шкафтын ичинен куту алып чыкты да андан эки кичинекей тоголок дарыларды алып алаканына тегеретип карап турду. Булар өтө күчтүү уу дарылар. Эрдиңе тиери менен беш секундга жетпей тигил дүйнөгө сапар тартасың. Ак жип менен ийне таап келди да көйнөгүн чечип жакасынын учунун кичине жерин сөгүп дарылардын бирин салып кайра тигишти билгизбей тикти. Экинчисин, жүз аарчысынын бир учун бүктөп анчалык байкалбагандай кылып тигип койду.

Тартмадан кадимки "Макаров" пистолетин алды да магазининдеги окторун текшерип, кайра октоп кабына салып, сол колтугуна асынды. "Жатып өлгүчө атып өл" дейт. Жөн эле өлө бербей булар менен "ойноп" көрөйүн деп күңкүлдөй сүйлөп койду. Өз табышкерлигине өзү ыраазы болгонсуп көңүлү да ачыла түштү.

Кыңылдай ырдап "конокту" тосууга аябай даярданып кирди. "Жок дегенде эмне болгон сырды билгиси келип, аныгын билип анан өлөйүн" деп чечти.

ххх

"Конокко" келаткан италиялыкты үй кызматчысы тосуп алды да, кожоюндун бөлмөсүн көрсөтүп койду. Өзү коштоп кирген жок. Эшиктер бүт ачык экен. Эч кандай кайтаруу да жок. Мындайды күткөн эмес. "Мыйзамдагы ууру" деп ашыкча көкөлөтүп жиберишкен го. Өзүм эки жигит менен деле келип кармап кетсем болмок окшойт деп да ойлоп койду.

Конок үйгө кирери менен күтүүсүз окуя болуп кетти. Ушунча бат болгондуктан, эмне болгонуна түшүнбөй да калды. Эки буту көктү карап абада калкылдап асылып калды. Буттарынан коштой тарткан тузак жип кантип тартып кеткенин да билбеди. Токойдогу айбанаттарга коюлуучу мындай тузак үй ичинде коюлат деп ким ойлойт дейсиң.

Койнундагы пистолети жерге түшүп калды. Бир нече секундда эсине келип, али эч нерсени көрбөсө да орус тилинде "Конокторду дайыма ушинтип тососуңарбы? Тамашаңарга ырахмат" деди. Кимдир бирөөнү көргөнгө аракеттенип. Эч ким жооп берген жок. "Э-эй мен ушинтип тура беремби? Толик" деди.

Эми караңгы бурчтан үн чыкты. Өзү көрүнгөн жок.

- Сайрай бер. Сен кимсиң? Менден эмне керек?

- Мен сени конокко чакырып келгем. Таанышайын дегем. Арам ой жок.

Глушитель тагылган пистолеттин "чып" деген үнү чыкты да сол кулагы "тыз" дей түштү. Колу менен сыйпаса кан жая бериптир.

- Э-эй сен эмне жиндисиңби?

- Бул калп сүйлөгөнүң үчүн эскертүү. Чындыкты гана сүйлө. Азыр калп айтсаң, бир жумурткаңдан айрыласың. Балким, экөөнөн тең. Кана менден эмне керек?

Бул жолу италиялыктын калжаңы токтоп калды. Шаабайы сууй түштү.

- Эмне үнүң чыкпай калды? Жумурткаларың кымбат болсо керек?

- Жумурткаларын окко тосуп жүргөндөрдү көрдүң беле? - Үнүн пасыраак чыгарды.

- Балким жерге түшүрөөрсүң? Сүйлөшөлү.

Дагы экинчи кулагынын учу "тыз" деп "чып" эткен пистолеттин үнү дагы чыкты.

- Э-эй сен эмне...

- Суроолорго жооп бер? Эми кароолдо жумурткаларың турат. Бир чети Толиктин мергендигине таң калды. Экинчиден, чындыкты айтпаса болбосун түшүндү.

- Биздин кожоюнга эмнеңден жакпай калганыңды билбейм. Менин милдетим сени тирүү ээрчитип барыш гана. Башка эч нерсе билбейм.

- Канчооңор келдиңер?

Берки кичине ойлоно калды. Жолдогу машинаны айтсабы, айтпасабы?

- Бир машина менен төртөөбүз.

- Калп. Бир жолу мүмкүндүк берейин. Кайра айт.

- Эки машина менен. Сегизибиз. Бир машина жолдо күтүп турат. Мен сени конокко чакырып чыкмакмын.

- Мына мунуң туура. Далайды көргөн "Рыжый" тигинин ойлоно калганынан улам калп айтканын билген.

- Ошентип, эч нерсе билбейм де. Демек, сенин керегиң деле жок экен да.

- Э-эй кандайча?

- Бул жашоого дегеним да...

- Ж-о-о жок. Анча-мынча билем. Сен "Азият" деген биздин кожоюндун жакын досун өлтүргөн экенсиң. Азият... Азият... - ыкшып жөтөлүмүш болуп калды.

- Балким, жерге түшүрөөрсүң, сүйлөөгө мүмкүн болбой жатат, - деди кышылдай.

Бул эптеп убакытты чойгону болчу. Эгер кечиксе машинадагылар экинчи машинаны көмөккө чакырып, үйгө чабуул коюшмак. Балким, алар эмгиче чабуулга киргендир. Анткени, бел курундагы "пейджер" түт-түт деп басылды. Эгер баары жайында болсо бул "сотка" менен чалып коймок. Үн деген жок. Демек, тигилер түшүндү.

- Сайрай бер. Жан керек десең жакшылап сайра. Балким, жагып калсаң тирүү каласың.

Берки кара күчкө дагы ыкшый жөтөлдү.

- Болуптур, сүйлөгүң келбесе кош бол.

- Э-эй токто... токто... мени өлтүргөндө табар пайдаң эмне? Мен бир байкушмун. Бала-бакырам бар. Эптеп күн көрүп жүрөм. Ыйламсырап жиберди. - Мен өлсөм балдарымды ким багат?

- Дөөрүбөй акылыңа келчи. Бул жерге "кайрымдуулук фондусуна" келген жоксуң да. Ишке өт.

- Ишке... ишке... а-а... - такыр акылынан айнып, коркконунан эмне жөнүндө сөз болуп жатканын унутуп калгандай түр көрсөттү.

- Азият... Азият жөнүндө.

- Ооба Азият. Ошол Азият биздин кожоюндун кенчин кайсыл бир тоолуу өлкөнүн тоолоруна каткан экен. Аны Азият эле билчү экен. Эми сен билесиң. Балким, кожоюнга чыныңды айтып, кенчти көрсөтүп берсең, сени сыйлашы да мүмкүн.

- Сыйлашы да мүмкүн де...

- Сыйлайт. Кожоюн кең пейил. Колу ачык адам. Сараңдардан эмес.

- Досун өлтүргөндү кайра сыйлайт де.

- Сыйлайт. Кенчти таап берсең, сыйлайт. Өлгөн дос кайра табылмак беле. Кенч табылса болду да.

- Мунуң да туура. Кенч табылса болду да. Эгер табылбай калсачы?

- Табылаар. Кенч кайсыл жерде жатса, ошол жердедир. Кайда кетмек.

- Балким, мен кенч жөнүндө эч нерсе билбесемчи?

Италиялык үнсүз ойлонуп калды.

- Билбесең, билбейм дейсиң да. Чын эле билбесең күнөөлүү белең. Сөзсүз билүүгө милдеттүү эмессиң да.

- Кожоюнуң ошого ишенеби?

"Рыжый" тигинин сөздү көбөйтүп атайы убакытты созуп атканын билип турду. Ошондо да ой -тоону сүйлөшө берди.

Так ушул маалда сырткы эки терезенин түбүнө койгон миналар жарылып кишилердин кыйкырган, онтогон үндөрү чыкты. Терезелер сынып күбүлүп түшү. Үй титиреп кетти.

"Рыжый" убакытты текке өткөрбөй, терезелердин түбүнө мина коюп далай трюктарды жасап даярданган.

Жарылууну экөө тең угушту.

- Ого, сенин желдеттериң чабуулга өттү го дейм?

- Ооба. Ошондой. Мындай, сөзгө келбейлиби. Сен мени бошот. Экөөбүз ачык сүйлөшөлү. Болгон чындыкты айт. Мен кожоюнга айтып барайын. Балким, бир келишимге келербиз.

Аңгыча сынган терезелерден да эшиктен да шарак-шурак секирип үчөө кирип келишти. "Рыжый" бир жолу ок чыгарганга араң үлгүрдү. Терезеден түшкөндөрдүн бири чимирилип келип колундагы пистолетти ыргыта тепти.

Экинчиси өзөртө урду. Көз ирмемде колдору артына кайрылып, кишен салынып калды.

Салпактап илинген италиялыкты жерге түшүрүп бошотору менен жүгүрүп келип Рыжыйды ичке тээп-тээп алды да, али да сызылып кан чыккан кулактарын аяр кармап эми гана ооруганын билгенсип, сыздап алды.

- Даана карышкыр экен. Мен муну бүжүрөгөн чал экен деп ойлоптурмун -деп сөгүнүп-сөгүнүп алды да. - Алып жөнөгүлө. Тез кетпесек полиция келип калышы мүмкүн - деди шашыла.

"Рыжый" жигиттеринин төртөөнү жайлаптыр. Үчөө минага жарылып өлүптүр. Бирине аткан огу туура чекесине тийген экен.

Баарын машиналарга салышты да зуу коюшту.

Катуу тепкиден эси оогон "Рыжый" эсине кожоюндун астына барганда, спирт жыттатканда келди.

Бет маңдайында көздөрүн жүлжүйтө тиктеп сакалчан бирөө туруптур. Жанында кулактарынын учтарына лейкопластырь жабыштырган италиялык.

Тигил башка тилде бир нерсе деди. "Рыжый" эч нерсе түшүнгөн жок. Жанындагысы которуп берди.

- Сенден бир гана нерсени сурап жатат. Азият билген кенчти билесиңби? - дейт.

- Жок. Билбейм. Азияттын каткан кенчи бар экенин да билчү эмесмин. Тигил экөө өз ара көпкө сүйлөшүштү. Кайра суроо узатты.

- Азиятты эмнеге өлтүрдүң?

- Ал менин жолумдан өттү. Бир топ жигиттеримди жайлады. Колунда "Бриллиант жылан" бар экен, ошону мага бербеди. Көрсө, шуркуя жаш катыны ойношу менен качканда, бүт кымбат мүлктөрүн алып кетиптир. "Бриллиант жыланды" да алып кеткен экен. Силерди "Бриллиант жылан" кызыктырса мени эмес, Азиятыңардын ошол шуркуясын издегиле. Мен эч нерсе билбейм.

Тигил экөө дагы көпкө сүйлөшүштү. Анан кайра кайрылды.

- Бизди кызыктырганы катындардын бриллианты эмес. Азият силердин тоолорго каткан ири көлөмдөгү наркотовар. Анткорлонбой чындыкты айт. Баары бир жашыра албайсың. Айттырып алабыз. Бул жолу үнүн сүрдүү чыгарды.

- А-а силердин жаныңарды койбогон башка иш экенин билгем. Туура, катын уурдай качкан бриллиантка кызыксаңар мени куугунтуктабайт элеңер. Бирок, чынында эле наркотоварыңар жөнүндө эч нерсе билбейм. Билсем, жашырбай айтмакмын.

- Балким, бирөөгө дүңүнөн соодалап жибергендирсиң?

- Кудай акы эч нерсе билбейм.

Экөө дагы көпкө сүйлөшүштү.

- Балким мээңди тазаласак эсиңе бир нерселер түшпөсүн.

Эшик ачылып эки жигит, бир аял кирип келди да, буйрук күтүп туруп калышты.

Жигиттердин бири менен тиктеше түшкөн "Рыжый" ичинен "тобоо, бул өзүбүздүн казак же кыргыз го" деп ойлоду. Нечен оозун таптап сүйлөйүн деп баратып, өзүн кармады. Боюна карап жана чимирилип келип колундагы пистолетин ыргыта тээп, өзүн өзөртө урган ушул жигит экенин билди. Бул Мырза эле.

- Буга баягы уколдон салыш керек - деди италиялык аялга кайрылып. Аял кайра чыгып кетти.

"Кыйноо башталды" деп ойлоду Рыжый. Колдору бош болчу. Жан чөнтөгүн сыйпалап жүз аарчысын алып чыкты да, кан болгон оозунун тегерегин, тер сызылган моюнун, чекесин аарчыды. Дарысы ордунда экенин билди.

Италиялык кайра:

- Кыйналбай эле билгениңди айтсаңчы - деди.

Рыжый анын сөзүнө көңүл бөлбөдү. Астынан жер көчүп, көзүнөн жаш сызылды.

- Боорум, сен кыргыз же казаксың го дейм - деди таза кыргыз тилинде Мырзага кайрылып.

Мырзанын көздөрү бакырая түштү. Бирок, үн чыгарган жок. Тикчийе тиктеген Рыжый тигинин түшүнгөнүн билди.

Эми тескери карап, өзүнчө сүйлөнгөн адамча дагы кыргызчалап

- Сенден суранаарым, Сарыгул Бекберди уулу деп куран түшүрүп койчу -деди.

Италиялык да, кожоюн да "Рыжый" кайсыл тилде, жигиттердин кимисине карап сүйлөп жатат, түшүнүшпөдү. Кожоюн тигилерге карап, англисче:

- Бул эмне деп жатат? - деди. Мырза өңүндө эч өзгөрүү жок. Рыжыйдын сүйлөгөндөрүн которуп берди.

- Сен казаксыңбы? - деди кожоюн.

- Жок. Кыргызмын.

Кожоюн үнсүз ойлонуп калды. Аял колуна шприц кармап кайра кирди.

"Рыжый" дагы өзүнчө:

- Тагдыр мага өз жеримде өлүүнү буюрбаптыр. Ошондо да акыркы минутада, жанымда тилимди түшүнөр кандашым болуп, өз эне тилимде сүйлөп өлгөнүмө тобоо дейин. Мендей жексурду тосуп ал тозок! деди да жүз аарчысынын учун тиштеди. Тиштери менен башы бир жагына "шылк" дей түштү.

Беркилер эмне болуп кеткенине түшүнбөдү. Ушинтип буюккан жашоодо буюгуп жүрүп жылт эткен жылуу күнүнөн ызгаардуу суугу көп болгон бир селсаяк тирүүчүлүк менен кош айтышты. Көзүнө жаш албаса да, маркумдун акыркы суроосу катары ага атап куран түшүргөн бир гана адам болду.

ххх

Фаризат уйкудан ойгонгондо Гонконгдо эмес Москванын мейманканасында жатканын эстеп сүйүнүп кетти. Чалкасынан түшө кандай иштерди жасашы керектигин талдап ойлоно баштады.

Биринчи эсине Шаа түштү. Ойлогон оюн сүйлөй элегинде билип койгон таң калычтуу таланты бар жигитке ишенсе болот беле же качып кетип туура кылдыбы? Эң коркунучтуусу Шаанын жанында туруп ойлонууга мүмкүн эместиги. Бүт ойлогонуңду, сүйлөбөсөң да тигил билип турса. Демек, Шааны жасалма сөз менен алдоо мүмкүн эмес. Деги эле анын жанында жүрүү коркунучтуу. Өткөн-кеткенди ойлосоң тигил бүт билип турса. Болбойт. Фаризат өзү үчүн Шаа өтө коркунучтуу деп чечим чыгарды да, андан кутулуп туура кылдым деген ойго токтоду. Дос кызына болсо сыртынан акмалап көчөдөн же дагы бир оңтойлуу жерден жолугушпаса телефонду угуп жатышканы белгилүү болду.

Туруп жуунуп-чайынгандан кийин мейманкананын ашканасынан шашпай тамактанды. Андан соң чачтарачка кирип чачын жасалгалатты. Шаша турган иш да жок эле. Астыда дос кызынын артынан узакка аңдууга алуу турган. Түштөн кийин гана көзгө анча илинбегидей жөнөкөй кийинип алып көчөгө чыкты.

Аз жылда көптөгөн өзгөрүүлөргө жетишкен Москвага суктана Арбатты бир топко кыдырды. Түш оой дос кызынын дүкөнүнө барды. Ичине кирбеди, сыртынан караса досу байкеси экөө иштеп жатышкан экен. Бет маңдайындагы кафеге кирип терезе тушуна отуруп, шашпай тамак ичкен кишиче байкоого ала баштады. Жарым саат өтпөй эле арыта пиво ичкен кишилерче отурган экөөнө көзү түштү. Жарым саатта бир кружка пивону эки эличе да ичишпеди. Бет маңдайдагы дүкөндөн көздөрүн алышпайт. Демек, дүкөн кайтарууда.

Астыртан көз жүгүртүп, Шаа көрүнөбү десе байкалбады. Отурган аңдуучулардын эч кимиси Фаризатка көңүл бөлгөн жок. Демек, булар анчалык деле чыгаан тыңчылардан эмес. Болбосо, Фаризаттын сүрөтү колдорунда бар болуш керек. Фаризат дүкөндүн жанынан витринадагы рекламаны окумуш болуп ичин карап өткөндө эле таанып коюшса болмок.

Бир жерде көбүрөөк отурса тигилер байкап калышы мүмкүн деп алысыраактан улам орун которуп акмалаганга өттү.

Эки күн өткөндө Фаризат дос кызынын ар бир баскан изи эсепте экенине так көзү жетти. Тыңчылар ал түгүл үйүнө чейин узатып барып, таң аткыча көзөмөлгө алышаарына өзү күбө болду. Демек, бул аңдуучулардын кызыкканы Фаризат. Бир нерсеге башы катып турду. Азият өлгөндөн кийин мунун кимге кереги бар? Балким, Азияттан уурдай качкан дүйнө үчүн куугунтуктап жүрүшкөндүр? Кайдан? Балким "Бриллиант жыланды" издегендерби? Жок. Жылан жөнүндө Фаризаттын билишинче жан киши билчү эмес.

Мынчалык катуу куугунтукка алгандарды кызыктырган чоң иш бар экенин Фаризат түшүнүп турду. Азият менен жашап жүргөн жылдарын электен өткөзүп, эстөөгө аракеттенди.

Кайсыл бир жылдары вертолет менен учуп, тажик менен кыргыздардын чегиндеги тоолорго барышкан. Төрт килейген жигит көп ящиктеги оор жүктөрдү кайдадыр аска арасына түнү менен ташып катышкан болчу. Фаризат эмне болгон ящиктер, кайда катып жатышат, кызыккан да эмес. Атайын Фаризатка деп тигилген чакан чатырында кийме жылуу төшөктө бейкапар уктап чыккан. Тигилер Азият өзү баш болуп түнү менен уктабай иштешиптир. Эртеси Азият "сен бул жерди көргөн жоксуң. Эмне иш болгонун билбейсиң", - деген үнүн каардуу чыгарып. Олуттуу иш болгондо дайым ошентчү. "Ансыз да биз кайда жүрөбүз билбейм" деген Фаризат күлүп, эркелей "Мага сенин жаныңда жүрсөм болду. Башка эч нерсе кызыктырбайт" деп койгон.

Азыр эмнегедир ошол "сырдуу ящиктер" эсине түштү. Анда-санда эстеп калар эле, "эмне болгон дүнүйөнү тоого катышты экен?" деп. Кийин баягы төрт жигиттин үчөө дайынсыз жоголуп, "Молдо" деген бирөө Ооганстанга качып кеткенин уккан. Ошентип ал сырды Азият өзү гана билчү. Эң жаманы азыр Фаризат ал тоолордун кайда экендигин билбегендиги. Учкучтар менен Азият сүйлөшүп жатканда гана "Азыр биз Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасы болгон тоо кыркаларына келдик" деп кандайдыр бир жердин атын атаганын угуп калган жайы бар. Азыр канчалык мээсин кычытса да ал жердин атын эстей алмак эмес. Балким, ошондогу бийик аскалуу кууш капчыгайга кимдир бирөөлөр алпарса, болжолдоп таанышы мүмкүн. Бирок, ага да толук ишене бербейт. Болгону бир көргөнүн оңой менен унутпаган, эгер канча жылдан кийин болсо да көрсө кайра эстеген, көрүү эс тутуму жакшы. Ошондуктан гана "так ошол капчыгайга барсам тааныйт белем" деп ойлоп коөт. Капчыгайды тааныган менен ящиктер кайда катылганын билбейт. Көргөн эмес. Кечке жуук барып конушканда жаратылыштын сулуулугуна суктанып гүл терип, карагай аралап жүрүп чарчап келип тамактанган соң Азият "жатып эс ал" деп көрсөткөн чатырда уктап калган. Билгени ушул гана.

Ошол тоо арасына катылган кенчти издөөчүлөр гана Фаризаттын сары изине чөп салуулары мүмкүн. Себеби, Азият Фаризатты бир карыш жанынан чыгарбай, дайыма кайда болсо бирге алып жүргөнүн дээрлик бардыгы билишчү. Андай сырды бир билсе Фаризат гана билет деп ойлоолору мыйзам ченемдүүлүк. "Демек, от менен ойногуча кайра бул жерден алысыраак бир жакка жылт койсомбу?" деп да ойлоду. Маселен, Алматыга барып телефон менен сүйлөшсө деле болот да.

ххх

Шаанын түшүнө атасы кытай чал кирип: "Уулум, жанагы сулуу келинди бекер коө бердиң. Аны бек кармаш керек эле" деп нааразы болуп жатыптыр. "Ата аны кайра табам" деп убада берип жатып ойгонуп кетти. Күн жаңы гана уясынан көтөрүлө баштаган маал экен. Ордунан туруп, жуунуп келди да, малдаштокуна отуруп бир саат медитация жасады.

Анан тамактанууга чыкты. Бул күндү өзүн Кытайга жолдомо менен жөнөткөн окуу жайдын кафедрасына отчөт тапшырууга жоготту. Кагаз иштери эки күндүк убактысын алды. Жетекчисинен жалдырап атып бир айга отпускага суранды. Калган илимий иштерин келип улантмакчы.

Шаа Фаризатты көчөдөн кармап эч кандай талап койбой, коркутпай жай сүйлөшүүнү, эгер дагы качса же сүйлөшүүнү каалабаса "Өз эркиң, чоң кыз" деп жайына тынч коюуну чечти.

Ошондуктан эртеси күнү Фаризатты байкаары менен артынан акмалай жолуга турган ылайыктуу учурду издей баштады. Фаризаттын сыртынан акмалап жүрүп мунун соо кыздардан эмес экенине көзү жетти. Фаризат дос кызына оңтойлуу жолугушуу издеп атканын, дос кызын аңдууга алгандар бар экенин билгенинен бери түшүндү.

Түш жарымча ээрчип жүрүп тажап кетип, Фаризат трамвайга түшөрү менен артынан кошо кирип, элди аралай акырын келип жанаша турду да, жаңы эле оозун камдап "Чоң кыз, өткөндө эмнеге мени күтпөй кетип калдыңыз? Сиз жөнүндө жаман оюм жок болчу. Болгону чын дилден жардам бергим келген" деп так кулагына шыбырайын деп эңкейгенде, Фаризат ойлоп бараткан ойго күтүүсүз байланышка чыгып калды.

"Кайдан да кара көзүм кашайганда "Бриллиант жыланды" көрө калдым эле. Оңбогон жексур жылан, сенин кесепетиңден көрбөгөн азаптарды көрдүм го. Тентибеген жерлерге тентидим го. Сага жетермин. Ар бир ташыңды быркыратып жанчып сууга агызбасам элеби" деп өзүнчө кыжырлана ойлонуп баратыптыр. Ушул байланышты алары менен Шаанын башынан чагылган жарк деп ток ургандай чагылуу болду да, кулагы чуулдап туна түштү. Сендиректей түшүп жанында шыкалып туруп келаткандарга сүйөнө трамвайдын сүйөнгүчүн кармай калды. Эгер жалгыз турса жыгылып кетмек беле, ким билсин. Канчага эси ооп турду билген жок. Эсине келгенде Фаризат эчак жок болуптур. Кейпи, түшүп кетсе керек. Өзүн шалдырап алсыз сезип калган экен. Тезирээк мейманканага жетүүгө шашылды.

Жолду карата улам ойлойт. Эмне деген "кабар" алдым. Чын эле мен издеген "Бриллиант жылан" ушул кыздабы? Кадыр атам ошон үчүн "кызды бекер колдон чыгардың" деп капа болгонбу? - деп.

Бөлмөсүнө кирээри менен даярданып, транска отурду. Белине кытай энеси берген бел боону ороп туруп артына эки кылычты тең асынып, мойнуна медальонун салынды. Чөгөлөй отуруп, көздөрүн жуумп күбүрөнө Кадыр атасы менен кытай энесин чакыра баштады. Алгач Кадыр атасы келди. Бирок, үнсүз, сүйлөбөй арыраак отуруп алды. Көптө барып кытай энеси келди. Адатынча оозуна тамеки чеккен мүштөгүн тиштеп алган экен. Кичинеге үнсүз турду да "Уулум, уккан "кабарың" кашкайган чындык. Андан шекшинбей эле кой. Бирок, жеткен экенмин дебе. Али алдыдагы жол алыс. Ачакей жерлери да көп. Каягына түшөсүң биринчиден Теңирден, экинчиден, өзүңдөн болор" - деди да жок болуп кетти.

Кадыр атасынын кабагы салыңкы, кичинеге үнсүз отурду да ал да жок болду. Бир жолун айтар бекен деп күтүп чыйпылдаган эле. Андай болбоду.

Транстан чыккандан кийин жанагыдан да алсырап калыптыр. Жаткан жерине араң жөрмөлөп жетти. Башы айланып, жүрөгү кысылып чыкты. Мындай абалга мурда түшүп көргөн эмес. Кичине жатып чыдабай, темтеңдеп ваннага жетти да көпкө кусуп араң эс алгансыды.

Эртең менен ойгонсо эч нерсе билбей тырп этпей уктаган экен. Күн эчак көтөрүлүп калыптыр. Мынчалык көпкө уктачу эмес эле. Кечээки күндү эстеди. Өзүнө өзү ишене албай турду. Чын эле ушундай окуя болдубу же түш көрдүмбү? Башы кеңгиреп бир чети баарын түшүндө көргөнсүйт.

Кандай да болбосун кайра Фаризатты табышы керек. Оюна жанагы Фаризатты аңдуучулар да "Бриллиант жыланды" издегендер болсо керек деген ой кылт дей түштү. Кеңги башым муну эмне түшүнбөдүм. Балким, эмгиче Фаризатты кармап кетишкендир.

Муну эстегенде эшикке октой атып чыкты. Кантип кийингенин да билген жок. Чала-була жуунумуш болуп койду. Биринчи эле жолуккан таксиге отуруп, Фаризаттын дос кызынын дүкөнүнө учуп-күйүп жөнөдү.

ххх

Фаризатты да, берки байкоочуларды да бат эле таап алды. Ушул күнү Фаризаттын дос кызы базарга чыкты. Жемиш саткан катарларды аралап баратканда, артынан Фаризат жакындай баштады. Ал түгүл бир жерден топурап түртүшкөн кезекте экөө сүйлөшкөндөй да болду. Анан Фаризат өзүнчө бөлүнүп жөн салды базар аралаган адамдарча кыдырып, базардан чыга бергенде кайдан жайдан төрт килейген жигит пайда боло калды да, Фаризатты тегеректей калышып, бир паста машинага отургузушуп жөнөп кетишти. Тигил машина жакындаганда эле ишти түшүнгөн Шаа такси кармоого шашылган.

- Тетигил машинанын артынан калба. Өтө жакын да барба. Биздин аңдыганыбызды, артында куугун барын билбеши керек, - деди таксистке. Ал суроолуу тиктеп койду эле:

- Акысын оюңдагыдай, ашыгы менен төлөйм, - деди да 50 долларды таштап койду.

- Эгер иш көбөйсө, дагы болот, - деди ишенимдүү.

ххх

Фаризат дос кызы базарга чыкканда кубанып кеткен. Эми эбин таап сүйлөшөм деп ойлой артынан жөнөдү. Канчалык куу болгону менен тигил аңдуучулар дос кызынын кол сумкасына микрофон орнотуп койгонун ойлогон жок.

Эл көп, кезекке туруп түртүшкөн жерге келгенде шыбырай:

- Башыңды эч жакка бурбай, астыңды карап тура бер. Сени аңдып жүрүшөт. Мен Фаризатмын, - деди. Дос кызы деле оңой куу эмес болчу. Эч жакты карабай астын гана тиктеген калыбында:

- Фаризат деги амансыңбы? Өгүнү аэропорттон ырас качып кеттиң. Болбосо, аңдыгандар бар экен. "Мени сенин таанышың жеткирди", - деди.

Убакыт тар болчу. Фаризат "негизги ишти сүйлөшүп кете берейин", - деп шашты.

- Азиятты кимдер, эмнеге өлтүргөнүн уккан жоксуңбу?

- Жок. Аны биз кайдан укмак элек.

- Болуптур. Сен алысыраак бир таанышыңды тап. Өзүң ал үйгө бара элегиңде мага телефонун бер. Телефон номерди дүкөнүңдүн жанындагы телефон автоматтан бир жакка чалымыш болуп жашыл карандаш менен жазып кой. Жакшысы өзүң эмес, байкең барып жазсын. Билгизбей жазсын. Анан мен ошол жерден номерди алам да, эртеси, туура саат 12.00дө болжошкон жерге чалам, - деди шаша.

Анан кезектен чыгып, өзүнчө бөлүнүп басып кетти. Аңдыгандар анын үнүн бүт угуп, акмалап калганын шекшиген да жок. Төрт жигит тегеректей калып, дары жыттатып уктата салып, машинага салып жөнөгөндө каршылык кылууга да үлгүрбөдү.

Фаризатты уурдагандар шаар сыртына курулган дачаларды аралай келип бир чоң үйдүн короосуна кирип кетишти. Кейпи тигилердин келатканын үйдөгүлөр күтүп турушса керек, машина жакындаганда эле дарбаза ачылды. Шаа таксини коө берип жиберип жөө акмалаганга өттү. Фаризат чукул арада бул үйдөн чыга койбосун билди.Үй сыртынан үч метрден да бийик дубал менен айланта курчалыптыр. Кейпи, подвалын кошпогондо эки кабат болсо керек.Жетиштүү адамдын турагы экени салыныш архитектурасынан эле көрүнүп турат. Үйдүн чатырчасы кызыл черепица менен жабылып, чатырчанын астынан балкон чыгарылыптыр.

Шаа өзүн байкатпаш үчүн алыстан акмалады.Күндүзү үйгө жолоого мүмкүн эмес. Аргасыз кечти күтүүгө туура келет. Арадан жарым саат өтпөй үйгө дагы бир "Жип" анан "Мерседес" келип короосуна кирип кетишти.Бул жерде бир чоң иш бар деп ойлоп койду, Шаа. Кичинеден кийин үйдүн чатырчасындагы балкондон бери сакчы коюлганын көргөндө чын эле иштин тамаша эмес экенине ишенди. Кайдагы бир кылмышкерлерге өзүн аралаштырбай кете берсемби? - деп нечен ойлонсо да Фаризаттагы "Бриллиант жыландын" кабары аргасыз бул кызды куткарып, сырдын чын- төгүнүн билүүгө тартып турду.

Дайыма ички туюму менен да эсептешип жүрүп көнгөндүктөн бул жолу да үйдүн ичине ушул түнү "баш багып" көрүүнү туура тапты.

ххх

Мырза адаттагыдай эле түштөн кийинки убактысын өткөрүш үчүн машыгуучу залга баратса, астынан чогуу машыгып жүргөн жигиттердин бирөө жолугуп калды да:

-Мырза, менин сага кеңешим, бүгүн бул залга кирбей эле кой,- деди. Мырза түшүнгөн жок.

- Эмнеге? Иштебей калыптырбы? деди.

- Жок бүгүн залда "Жырткыч" атка конгон шефтин жигити эки өнөгү менен машыгып жатышат. Алар кезектеги тапшырмадан жаңы эле кайтып келишти. Эми алар кайра кеткиче залга жолобой эле кой.

- Эмнеге?

-"Жырткыч" өзү жигиттери менен машыгып жатканда башкалардын залда болушун каалабайт. Байкабай бирөө жарым кирсе сабап, кубалап чыгат. Каршылашам дегендер болсо мертинтип да коет. Кожоюн болсо "Жырткычка" эч нерсе дебейт. Эгер тынч жашагың келсе залга барбай эле кой.

Мырза ойлонуп калды.Кантсе экен. Ансыз да акыркы күндөрдө жумуш жок, эригип жүргөн. Телевизор көргүсү келбейт. Газета окубайт. Киши өлтүрүү жана согуш ыкмаларынан бөлөк китептерди да окуй албайт.Бир мыкты билгени жана тажабай жасай берээри күнүгө он сааттан кем эмес машыгуу. Бир жумадан бери бийиктиктен жерге секирип түшүүгө машыгып жаткан. Азыр он метр бийиктиктен жерге түшкөндө алгач бутунун учтары менен түшүп, анан согончогун жерге тийгизип, денесин солкулдатып пружинача кармоо менен ашыкча дабыш да чыгарбай, өзүнө да күч келтирбей эки секундага жетпей басып кетүүгө үйрөнүп жүргөн.

"Мейли, бүгүн барбай эле коөюнчу" деди да, кайра өз бөлмөсүнө кетти. Китепканада кечке ар нерселерди барактап отурду. Кечке өзүн коөрго жер таппады. Эмнеге спорт залга барган жокмун, балким "Жырткыч" деле анчалык ачуулуу эместир. Ашыкча апыртып жатышкандыр. Согушчандардын, жалданма башкесерлердин, телохранителдердин арасында мындай апыртуулар көп эле болот эмеспи, - деп ойлой, эртең эмнеси болсо да бир башбагып көрүүнү чечти.

Эртеси спортзалга кирсе үч эркек машыкпай эле бурчта карта ойноп, тамеки чегип, ичип отурушуптур. Мырза үнсүз чечинип, өз ишине киришти. Аңгыча бурчта отургандардын бири:

- Балдар, мурдума жаман жыт келип жатат. Чөөнүн кыгын эшке ыргытып койгулачы - деди, үнүн көтөрүңкү чыгарып. Четте отурган орто бойлуу, чымыр денелүү бири:

-Эй, чөөнүн кыгы, абаны бузбай чыгып кетчи.?!Эгер мойнуңдун толгонуп калышын каалабасаң - деди Мырзага кыйкыра.

Мырза ызалана түштү. Же өздөрү машыкпайт, же башкаларга мүмкүнчүлүк бербейт. Муну кандай түшүнсө болот. Карта ойноп, ичкилик ичүүгө башка деле оңтойлуу жерлер толуп жатпайбы. Ушуга кыжырланды. "Чөөнүн кыгы" дегенге көп деле маани бербеди. Согуш лагеринде окуп жүргөндө адам ойлоп тапкыс, мындан жанга өтүп, чучукка жетчү уу сөздөрдү угуп жүрүп кулагы "бышып" калган.

- Жигиттер, карта ойноп, ичкилик ичүүгө бул залдан башка деле оңтойлуу жайлар толуп жатпайбы, - деди машыгуусун улантып.

- О-ого..., бул кыкты чын эле тазалап койбосо болбойт экен. Бою Мырзаныкынча 2 метрге чукул , бирок, туурасы топтоголок бочкадай бири ордунан козголду эле.

- Убара болбо... мен өзүм эле... деп жанагы орто бойлуу, чымыр денелүүсү шып ордунан тура калды да Мырзага бет алды. Мырза көрмөксөн болуп турникте айлана берди. Тигил жакын келгенде так бет маңдайына чимирилип барып секирип түштү.

- Да-а..., секиришиң түзүк, бирок... деди да тигил чимирилип келип тепкенде Мырза буйтай берип, колунун кыры менен тизе томукка урду эле, эрдемсиген неме:

- У-уу... бутум сынды.. сынды деп оңкосунан кетти да, жерде ооналактай, бутунун тизесин кучактап отуруп калды.

- Сынган жок. Жөн эле чала ооруксуп калды. Эки күндөн кийин жүгүрүп кетесиң, - деп койду Мырза.

- Эге... Тамаша табылды го, - деп бочкедей ордунан тура калды. Денеси бүт тарамыш, ичке келгени кыймылдаган жок. Ордунда отурган калыбында:

- Башын жулуп туруп ыргыт. Экинчи бул кыктын жыты мурдума илинбегендей болсун, - деди бир башкача күркүрөй.

Иш тескери бурулганын түшүнгөн Мырза даярдана баштады. Тигил эмчектерин аялдыкындай салаңдата басып келатты. Муштумдары өзүнчө эле чоң аяктай килейет.

- Балким, сүйлөшпөйлүбү? Мен чыкса, чыгып кете берейин, - деди тигил чукул келгенде.

- А-а эсиңе келе баштадыңбы? - деди бочке жакындай басып жалжая.

Согуш өнөрүндө минтип сөзгө тартуу душманыңды алаксытып, анын ички жыйылган энергиясын чачып жиберүү экенин тигил билбейт экен. Ошондуктан жалжая күлүп, өз кебетесине курсант боло түштү. Демек, өтө деле коркунучтуу немелер эмес. Тигил килейген муштумдарын шилтегенде буйт берип, шап билектен алды да, айкидонун ыгы менен муштум шилтеген жакка ого бетер ылдамдыгын күчөтүп, шак тартып кайра чарт артка бурай кайрып силккенде, оор салмагы менен алдыга жүткүнгөн неменин колу өз салмагына чыдабай акыректен "карс" дей түштү.

Өңү көпкөк болуп, эрдин кесе тиштей, көздөрү чакчайып кетти. Оң колу эч нерсеге жарабай шалактап калды. Ошондо да жеңилгиси келбей сол колу менен шилтеди. Мырза артка кетенчиктей берип, чимирилип келип, оң кулактан эки эличе астына тепкенде, көзү аңтарыла түшүп, жерге "күп" деди да, оозунан кан атып кетти. Коргонууга жараган жок.

Али бутун кучактап отурган орто бойлуусу:

- Босс өлтүрдү... өлтүрдү! - деп бакыра, чолоңдой ордунан тура качып жөнөдү.

Эми "Жырткыч" өзү ордунан турду. Бутунун учтары менен шыпылдай басып келатты. Көздөрү кыпкызыл болуп кетиптир. Кыска кара сакал койгон неме экен. Денеси бүт тарамыш, ашыкча эти жок. Бийчилерче бутунун учу менен басат.

Мырза мунун чыныгы өз ишинин чебери экенин билди. Ошондуктан ашыкча сүйлөгөн деле жок. Жөн гана чабуулун күттү. Тигил түз качырбады. Экөө тоорушуп, айлана басышты.

- Биздин аймакта сендей жапайы жок эле кайдан пайда боло калдың? -деди "Жырткыч" үнүн жай, пас чыгарып. "Эмоцияга алдырбаганга аракет кылып жатат" деп ойлоду ичинен Мырза.

- Ооганстандын талааларынан келдим эле. Конокту жакшы күтөт экенсиңер, - деди Мырза да жай.

- Ооганстан?.. Тигил тикчийе карады.

- О-оба... Ооганстандан. Балким чырды токтотпойлубу?! Силер башка жерден барып картаңарды ойноп, ичкилигиңерди ичкенди уланта бергиле. Мен машыгуумду улантайын. Тигил бир мешок чочконун кыгына суу чачсаң эс алат. Жетелеп кетесиңер, - деди жай ордунан айлана, семизди башы менен жаңсай көрсөтүп. Бул тигинин кыжырына тийип, ой жыйноосун бузайын деген психологиялык чабуулу болчу. Чын эле "Жырткычка" бул катуу тийди. Ызалангандан тиштери кычырай түштү. Эртең "Жырткычты" Оогандан келген жаш боевик эки жигитине кошуп сабап туруп спортзалдан чыгарып коюптур" деген ушак буларды билген бүт чөйрөгө тарамак.

- И-им... Мен чыгып кетишим керек экен да...

- Ошентпесең болбойт го, тигил бочкеңдин ичи толтура экен залдын жытын буза баштады, - деди Мырза ого бетер кыжырына тийип.

- Ме - сага... суу мурун. "Жырткыч" чабуулга өттү. Мыкты каратис экени белгилүү болду. Буту-колдору шуулдап Мырза араң буйтап жатты. Эки-үч жолу чала тийип кеткен жерлеринин терилери канталай түштү. Аз жерден ээгин талкалатып ала сактады. Оозунан кан агып кетти.

Коргонуусун токтотуп өзү да чабуул койду "Жырткыч" тийгизбеди. Бирде абада, бирде жерде мушташуу бери дегенде эки минутадан ашыкка созулду. Мырза көптөн бери минтип кыймылдай элек болчу.

Дене бою ымшып тим эле жыргай түштү. "Жырткыч" болсо чарчай баштады, ичкиликти көп ичип жүргөн немеге алкоголь таасир берип жүрөгү ылдам уруп, өз энергиясын оюндагыдай башкара албай жатты. Муну Мырза туюп эс алдырбай чабуулга өттү. Жеңсе, эс алдырбай чарчатып гана жеңерин билди.

"Жырткыч" коргонууга өттү, ал түгүл кача баштады. Ан сайын ызасы күчөдү. Тигил бутун кучактаган жигити боссунун кача баштаганын көрүп отурбайбы. "Жырткыч" өмүрү эч кимден качып көргөн эмес. Спортзалга пистолетин ала келбегенин карачы. Кийимдери турган жерде тигил бутун кучактагандын бычагы болуш керек эле. Бирок, астындагы согушчанды бычак менен алуу мүмкүн эмесин да билди. Ошондо да буйтай качып отуруп кийимдерге жетти да, эки карышча келген килейген канжарды кынынан "жарк" дедирип сууруп алды.

- Өлтүр, босс өлтүр! Желмогуз жапайыны өлтүр - деди берки чолоңдой басып.

Бычакты көргөндө Мырзанын өңү өзгөргөн деле жок. Тигил качыра бергенде бычакка кабылчудай денесин тосо берип, мына бычак мизи ичине жете берерде буйтай, тигини билектен кармай түз кайра тартып туруп, экинчи колу менен чыканагынын сыртынан шак урганда "кырс" деген үн чыкты. Оңтою келе түшкөндүктөн сол далынын астындагы кабырганын бирине гана тийгидей өлчөп, бир манжасын бүгүп туруп уруп калганда, дагы "кырс" деген үн чыкты да, "Жырткыч" чайпала түшүп уурттарынан кан сызылды. Бир кабыргасы сынып, жүрөгүн кысып калган эле. Өзүн араң кармай ордунан бурулуп:

- Сени индиялык Раджу машыктырды беле? - деди.

Өзүнүн согуш лагериндеги машыктыруучусунун атын укканда Мырза "селт" дей түштү.

- Аны кайдан билдиң? - деди үлүрөйө тиктеп.

- Менин кытайлык машыктыруучумду Раджу өлтүргөн. Сенин кыймылыңдан билдим. Мен сени баар ыбир өлтүрүшүм керек. Эгер азыр мени тирүү калтырсаң... - деди да тамтаңдай басып барып соо сол колу менен жер таяна отура калды. Аба жетпей, жүрөгү кысылып эсин жоготуп бараткан.

Мырза бир кадам таштаганда тигил көздөрүн жумду. Каршы турууга күчү калган эмес.

Арыта турган тизесин кучактаган неме коркконунан бүрүшүп жерге отура калды да, титирей көздөрүн жуумп жиберди. Кыйкырайын десе үнү чыккан жок. Кекиртеги гана кыркырады.

ххх

Инструктор аял кожоюнга эртең менен эрте кирди. Минтип өзү чакыруусуз шашылыш иш болгондо гана кирчү. Кожоюн астыдагы документтерден башын көтөрө, көздөрүн жүлжүйтүп тигинин сүйлөшүн күтүп тиктеди.

- Шеф, ойго келбеген жорук болду. Кечээ машыктыруучу залда жанагы Ооганстандан келген Мырза деген неме менен "Жырткыч" урушуп кетип, "Жырткыч", "Дөө" деген жигити экөө оор жаракат алып, "Молокойу" жеңил жаракат менен ооруканага жаткырылды.

Кожоюн уккан кулагына ишенген жок.

- Эмне дейсиң? "Жырткыч" менен "Дөө" оор жаракат алып, - дейсиңби?

- О-оба. Так ошондой. "Жырткычтын" да "Дөөнүн" да абалдары начар "Жырткычтын" оң колу чыканактан сынып, сол кабыргасынын бири сынып жүрөгүн кысып калыптыр. Догдурлар операция жолу менен кабыргасын араң түзөштү. "Дөөнүн" болсо оң колу акыректен сынып да, чыгып да кетиптир, жаагы кулак түбүнөн сынган. "Молокойдун" оң бутунун томугу чыгып кетиптир.

- Мына сага. Мырза өзүчү?

- Мырзаңыз жүрөт, эч нерсе болбогонсуп. Тырмак чийген да жери жок.

- Мына сага. Үчөөнө жалгыз өзү чыгыптырбы?

- Жок. Бир бирден чыгышты, - дейт.

- Мына сага... Кожоюн ордунан тура калды. "Жырткычтын" эч кимге жакпаган жоруктарын билчү. Ал түгүл айрым жигиттерин "Жырткыч" ашыкча келекелеп койсо да унчукчу эмес. "Жырткыч" деген атты укса титиреп коркуп тургандары жакчу. Эми кара, кайдагы бир Оогандан келген жапайы согушчан мунун "эң мыкты" деген террорист - баш кесер киллерин өлөөрчө сабап ооруканага жаткызып койгонун. Бул эмне деген шумдук?

"Жырткычка" тең келээр башкесер жок - деп жүрчү. Көрсө, четтен чыгат тура. Кимди болбосун "Жырткычты" жумшап тарбиялап коөм дечү. Көрсө, мунун "мыктынын мыктысы" дегенин кайдагы бир суу мурун согушчан деле ушалап салат тура.

Башы ысып кетти. Инструктор аялды чакчая карады. Кожоюн минтип өтө ачуусу келгенде гана карачу. Аялдын тизелери титиреп кетти.

- Мырзаны подвалга каматайынбы?

Кожоюн үн деген жок. Эмне күнөөсү үчүн каматтырат. "Жырткычтын" машыктыруучу залды карта ойноп, арак ичкен жерге айландырганын билсе да билмексен, көрсө да көрмөксөн болуп койчу.

Мырза аларды эси-коюндарынан кеткис кылып тарбиялап коюптур. Эгер калыстык кылбай "Жырткычка" болушса, калган жигиттери ичтеринен кекенип, кожоюндун калыссыздыгына кыжырланып калышмак. Бул бөрү жашоодо жакшылыкка алпарбайт.

- Өздөрү мушташып ар кимиси өзүнө тийиштүү жазасын алыптыр да. Эмнеге Мырзаны камашыбыз керек? - деди кожоюн чакчая. Инструктор аял ого бетер титирей:

- "Жырткыч" көпкө иштен чыгып калды, - деди үлдүрөп.

- Эч нерсе эмес. Мейли. Жакшы сабак болуптур. Формасын жоготуп койгон да. Айыккан соң сак болуп калат - деди да ордуна барып отурду.

Ичинен Мырзаны көзөмөлгө алыш керек экен деп ойлоду.

Өтө кымбатка сатып келген. Баасын актачу жигит көрүнөт. Карган индус "Эң мыкты окуучум. Оогандын талааларында кор болуп жүрөт. Бир күнү адашкан ок жанын алып кете береби деп корком. Өзүңө телохранитель кылып алсаң же атайын тапшырмаларга жөнөтсөң уят кылбай аткарат" дегенинен кымбат болсо да сатып алган.

Анткени, индусту билчү. Атактуу киши өлтүрүүчү киллер, жашыруун эрежесиз уруштун бир нече жолку дүйнөлүк чемпиону болчу. Карыганда да жөн жүрбөй Оогандагы террористтерди, киллерлерди, согушчандарды даярдаган лагерде машыктыруучу болуп жүргөн экен. "Интерпол сары изиме чөп салып издеп жүргөн мендей шордууга мындан башка жай жок экен" деп күлгөн.

Көрсө, индус алдаган эмес көрүнөт. Анча ишенбесе да телохранителдеринин санын жашартуу үчүн экөөнү алган. Бири өткөндө "Рыжыйга" барганда минага жарылып өлдү. Акчасына ичи күйүп калган.

Мунусу башкача көрүнөт. "Рыжыйга" жердеш чыкканына ичинен жаман көргөн. Бирок, "Рыжыйдын" өз тилинде эмне айтканын так которгонунан шек санаган эмес. Көз ирмебей, өңүн да өзгөртпөй тиктеп турганына баа бере "азияттар эмоциясын оңой менен сыртына чыгарбайт" деп ойлоп койгон.

Инструктор аял үнсүз чыгып кетти. Кожоюнуна түшүнө албады. Кожоюндан башканы көзүнө да илбей өз билгенин кылганга көнгөн, дүйнөнүн далай жеринде кожоюну үчүн жанын оозуна тиштеп, нечен оор тапшырмаларды аткарып жүргөндүктөн өзүн Кудайдын эркесиндей сезген "Жырткычтын" бир тал чачы түшсө кожоюн өлүп кете сактайт го деп ойлогон. "Сооп болуптур" деген маанидеги жоопту укканда даана эси оой түштү. Мырзаны "кама" десе камап, "жок кыл" десе жок кылчу группаны даярдап койгон. Баарын кайра таратты.

Мырза үч күндөн кийин ооруканага өзү баш бакты. Аны көргөндө чалкалап китеп окуп жаткан "Жырткычтын" көзү чекчейе түштү. Акыреги таңылып жаткан "Дөө" ордунан тура калды. "Молокою" башын көтөрүп, эми эмне болот?- деп күтүп калды.

Мырза эч нерсе болбогондой "Жырткычтын" жанына келип отурду да:

- Алың кандай? Жакшы болуп калдыңбы? - деди.

"Жырткыч" тигини кыжырлана тиктеп турду да:

- Сен тирүү өлүксүң. Мен айыгып ооруканадан чыгарым менен сени өлтүрөм, - деди.

- Дагы деле ачууң тарай элекпи? - деди Мырза жылмая.

- Күлөсүң. Мен сени күлдүрөм. Сен мени өлтүрө алган жоксуң. Себеби, мен бир нерсе болсом кожоюн сени жок кылмак. Кожоюндан коркосуң. А мен сени өлтүрүштөн коркпойм. Сен өлсөң кожоюн мага "дың" да дебейт.

- Жетет. Кожоюн үчүн экөөбүз бирдейбиз. Сени ооруканага жаткырганым үчүн эч нерсе дебеген сыяктуу эле сени өлтүрүп койсом да кожоюн унчукмак эмес. Себеби, сен аткарган кандай иш болсо да мен аткара аларыма кожоюн ишенет. Экөөбүз бир кесиптин адамдарыбыз. Кожоюнубуз бирөө.

- Су-у мурун молокой. Сен өзүңдү мага теңегиң барбы? Эй, сен билесиңби мен эмнелерди жасаганымды?..

- Туура, сен машыккан киллер "стариксиң". Анда сөз жок. Эртедир-кечтир мени да бирөөлөр "старик" дешет. Эгер аман жүрсөм.

- Сенин жашооң аз эле калды - деди сөзгө аралашкан "Дөө".

- Эгер мен "Жырткычты" өткөндө өлтүрүп койсом, азыр сен менин карамагымда иштеп турмаксың - деди Мырза аны карап жылмая.

- Эч убакта. Сени... сени өз колум менен... Кыжырлана, сүйлөй албай кызарып-татарды.

"Жырткыч" ойлонуп калды. Кичинеден кийин "Дөөнү" акшыя карап:

- Отур! Кык шынаган бочка - деди кыжырлана.

"Дөө" алаңдай ордуна отурду. "Жырткыч" Мырзаны карап, көпкө тиктеп турду да:

- Болуптур, бул жолу да жеңиш сеники. Чындыкты айттың. А чындык ачуу болсо да чындык. Аны өзгөртө албайсың. Эмнеге келдиң? Шылдыңдаганыбы? - деди кекээрлей.

- Жок. "Жырткыч" бир гана нерсени сурайын деп келдим. Менин машыктыруучум Раджу жөнүндө жана аны менен сенин жолуң кандайча кесилишкенин билейин дегем.

- А-а Раджу... Раджу... жан алгыч желмогузду мен эч жерден таппай издеп жүрөм. А-а өзүң айтчы, ал сага кандайча машыктыруучу болуп калган?

- Эми ал узак сөз. Кыскартып айтсам, бизди окуткан лагерге күндөрдүн биринде сөөгү этине жабышып карыган индус келди да, 300 согушчандын ичинен кыркыбызды тандап алып машыктыра баштады. Бир жылдан кийин кырктын ичинен 20сын бөлүп алып калды. Эки жылдан кийин онун, акыры беш жылда беш эле окуучусу калдык. Бири Ооганстанда миномөттун адашкан огу тийип өлдү. Бири "Индияда, атактуу бир байдын телохранители болуп кетти" деп уктум. Мен бул жакка келдим. Ушундай. Бул жакка келишиме машыктыруучум көмөктөштү го деп ойлойм. Ал киши өзү жөнүндө эч нерсе айтчу эмес. Мени жети жыл машыктырсам дечү. "Дарманым жетпей калды. Сен беш жылда эл он-он беш жылда үйрөнгөндү үйрөндүң" деп коөр эле. Мен ал окутуучумду Кудайымдай сыйлайм.

- Эми түшүнүктүү. Ал Ооганстандын чөлүндө экен да. Мен да кыскача айтып берейин. Менин да атактуу машыктыруучум болгон. Чыныгы согуш өнөрүнүн чебери болчу. Мени болгону үч жыл машыктырды. Анан Пакистанда өткөн эрежесиз эрөөлдө Раджу менен беттешүүгө чыгып калды. Ортодо чоң акча коюлган эле. Раджу кабыргасын сындырып жүрөгүнө кийре уруп, өлтүрүп койду. Сен мени аяп өлтүргүң келбей жүрөгүмдү кыстырып гана койдуң. Өлөрүндө машыктыруучум "Раджу менен, анын окуучулары менен эч убакта эрөөлгө чыкпа. Бул менден бир нече эсе күчтүү экен. Мындай жан алгычка эч ким тең келе албайт. Буларды ок менен атып гана өлтүрө аласың" - деди. Анан мага кандай да болбосун ылайыгын келтирип Раджуну атып өлтүр" деп суранды. Мен машыктыруучумдун суроосун ушул кезге чейин аткара албадым.

Колума кандай ок чыгарган курал тийсе да, чиркейдин канатын кырка ата алам. Сенин Раджуң тууралуу билгеним ушул. Тыржыйган арык, капкара, бою бир токсонго чукул, эби сыны жок тартактаган неме болчу. Дагы деле ошондойдур.

Мырза машыктыруучусун эстеди.

- Мындан бир жыл мурда сен сүрөттөгөндөй болчу. Азыр кандай билбейм. Кабар албадым.

- Сени уктум, "ок чыгарчу деги эле кайсыл курал болбосун сырын билет" дейт го.

- Он төрт жашымдан күнү-түнү курал менен кошо жатып, кошо туруп келатам. Жети жылда түзүк эле билип калат экенсиң.

- Жашсың. Мен 25 жылдан бери курал менен кошо жатып, кошо туруп келатам.

- Аның туура. Сиз дебей сен дегенимди кечирип кой!

- Эч нерсе эмес. "Сен" дей бер. Мен андайга маани деле бербейм. Кичине үнсүз турду да - Сенден жакшы киллер чыгат - деди.

- Балким, ок атуучу куралдар боюнча машыктыруучум болорсуң.

"Жырткыч" көздөрүн жайната, Мырзаны чын эле айтып жатасыңбы? - дегенсип карап койду да:

- Ойлончу иш. Мен ооруканадан чыгайын - деди.

- Мейли анда, көрүшкөнчө.

- Мейли. Келе колду. Элдештик, өткөн унутулду.

- Өткөн унутулду. Мырза жанынан автоматтын огун алып чыкты. Сөзүбүздүн чындыгы үчүн ок тиштеп коөлу. Эгер кек сактасак октун анты урсун. Түбөлүк досбуз. "Жырткыч" түшүнө бербей бүшүркөдү эле - Биздин элде ушинтет. Бул ырым. Ким убаданы бузса, октун анты урат. Так айтсам убаданы бузган окко учат.

- А-а жакшы ырым экен. Келе. Окту учунан Мырзача тиштеп-тиштеп койду да - Түбөлүк досбуз. Кек сактасак октун анты урсун. Бири-бирибизге көз сала жүрөлү - деди.

Булардын ар бир сөзүн тыңшап отурган аржактагы экөө эч нерсе түшүнбөй делдейишти.

"Жырткыч" өтө кекчил боло турган. Убактылуу "элдештик" деп алдап койду го" деген ойдо отурушту.

- Баса, мен сенден бир суроо сурайынчы. Мени эмне үчүн өткөндө өлтүргөн жоксуң? Сенин көзүңдөн өлтүрө турганыңды көрүп тургам. "Жырткыч" ордунан турайын деген Мырзага кайрылды.

- Туура байкагансың. Менин окутуучум Раджу жөнүндө жаман айтканыңда өлтүрөйүн деп ойлогом. Анан кайра ошол эле окутуучумдун сөзүн эстедим. Эрежесиз эрөөлгө чыгып өлтүрүүдөн башка жолуң калбаса, кожоюнуң "жок кыл" деген атайын тапшырма бербесе, эрегишкен душманың болбосо, эч убакта бирөөнүн жанын кыйба. Кайым айтышып, мушташуу эркектер арасында боло берчү иш. Кызуу кандуулук кылып "бейкүнөө канга забын болбо" деп айтуучу. Окутуучумдун берген тартиби акыркы кол шилтенээрде эсиме түшүп токтоп калдым.

"Жырткыч" ойлонуп туруп:

- Мейли, көрүшкөнчө деп колун көтөрүп койду. Мырза шыпылдай басып чыгып кетти.

ххх

Мырза кечинде өзүнүн чакан бөлмөсүндө жаңы эле машыгуудан келип душка чайканып чыгып чачын кургатып отурса кожоюндун кабылдамасындагы компьютерде иштеген татынакай сулуу кыз кирип келди. Мындай конокту күткөн эмес. Кызга асты кийин сөз айтып таанышмак түгүл көз кырын салып жагымдуу караган да эмес. Кожоюндун айланасындагы аялзатынан дайыма алыс болууну Раджу окутуучусу мыктап үйрөткөн. Ошондуктан бир кабар айтканы же чакырганы келдиби деп түшүнө бербей ордунан тура калды да

- Келиңиз! - деди да кыздан сөз күттү. Экөө тиктеше түшүштү. Кыз моймолжуй карап көздөрүн сүзө:

- Ушинтип тиктешип тура беребизби же отурууга чакырасыңбы? - деди да жигиттин жообун күтпөстөн эле диванга жамбашын чайпалта басып барып отура кетти.

Мырза эмне кыларын билбей, ал түгүл бети дуулдап ысып, чекесинен тер да чыга түштү. Кыздын кыска юбкасынан булайган аппак жоон балтырларын канча карабайын десе деле көзүнө урунат. "Атайлап карап көзүн ала албай жатат" деп ойлобосо экен деген ой менен өзүн оңтойсуз сезди. Жигиттин оңтойсузданып турганын, мындай конокту күтпөгөнүн сезген куу кыз өзү сөзгө тартты.

- Сизде суусундук барбы? Чаңкап кеттим. Эшик бүгүн өзгөчө үп болуп турат.

- Бар. Азыр. Сизге минерал суубу же ширеби? Мырза оңтойсуз абалдан чыкканына кубана муздаткычка бет алды.

- Мага жемиш ширеси болсо. Жагымдуусу мандариндики. Балким, сизде ичкиликтин жакшы түрү болсо коктейль жасаарсыз?

Мырза өзү спирттик ичимдиктерин такыр ичүүчү эмес. Ошондуктан муздаткычында эч кандай спирттик ичимдик жок болоор эле.

- Чындыкты айтайын, менин муздаткычымда эч кандай спирт ичимдиги жок.

Жемиш ширеси куюлган эки бокал алып келип, бирин кызга сунду да, бирин өзү ууртай, кыздын маңдайындагы орунтукка отура кетти.

- Мырза эмне үчүн менин атымды сурабайсың? Же таанышкың келбейби?

Мырза ийнин күйшөп койду да;

- Өзүңүз деле айтсаңыз болот.

- Болуптур. Деги азияттар тартынчаак келесиңер. Мен сенин досьеңди окугам. Бирок, улутуң жазылбаптыр. Кытайсыңбы же монголсуңбу?

- Жок. Мен кыргызмын. Ичинен эмне үчүн досьеме улутум жазылбады экен деп ойлоп койду да. Улуту деген жерге эч нерсе жазылбаптырбы?

- Эч нерсе, "согушчан моджехед" деп эле коюптур. Мен эч нерсе түшүнгөн жокмун.

Мырза ийнин күйшөп койду.

Кыз ордунан туруп келип Мырзага жанаша отурду да:

- Кыргыз деген улутту мурда укпаптырмын. Алар да Азияда жашашабы?

- Ооба, Кыргызстан деген мамлекетти уккан жок белең?

Кыз ийинин куушуруп койду.

- Азияда канча майда мамлекет бар, баарын билүү мүмкүн да эмес. Маселен, мен Ооганстанды билем. Ал жакта көп жылдардан бери согуш.

Мырза намыстана түштү, кайра ичинен "мындай чымчык баштарга Кыргызстанды билгенде, билбегенде эмне" деп койду.

- Мырза, сен эркектердей эмессиң. Кыздардын жамбашына көзүң жабышып, шилекейиң куюлбайт. Өтө токтоосуң. Анан кичине түнтсүң. Кыргыздардын баары ушундайбы?

Мен окудум эле, азияттар аялжандуу келишет, эркектери үч- төрттөн катын алат- деп.

Мырза кичинеге үнсүз ойлонуп турду да:

Кыргыздарда жүз жылча мурда чын эле эки- үчтөн аял алгандар болгон экен. Азыр андай жок. Мыйзам жол бербейт. Токтоолук боюнча айтсам, мүнөзүм ушундай болсо керек. Анын үстүнө көп жылдар согуш лагеринде окудум. Ал жерде күлүп- жайнап жүргөндөрдү көрбөптүрмүн. Дээрлик бардыгы түнөрүп жүрүшөт.

- Демек, согуш лагеринде окуп жүргөндөгүдөн калган адат дечи,- деди да кыз Мырзага ыктай отуруп, жароокерлене эркелей мойнуна колун артты. Мырза кызды артка, өзүнөн оолактатып түртө албады. Бүткөн бою чымырап, аялзатынан келген лаззатка магдырап, кыздын ичке белинен имере өзүнө тартты.

ххх

Катерин, жумушуңдан кечигесиң, - деген Мырзанын жумшак үнүнөн ойгонгон кыз керилип койду да спорт шымын кийип, белинен өйдө жылаңач бөлмөдө басып жүргөн Мырзаны суктана карап турду.

-Уу-у , мен чын эле тирүүмүнбү Мырза?

Мырза түшүнө бербей көздөрүн бакырайтып тиктеп калды.

-Сен берген рахатка чыдабай жүрөгүм жарылып, өлүп каламбы деп ойлогом. Сендей эркекке өмүрүмдө биринчи жолугушум. Буга чейинкилерди жөн эле эркек атап жүрүптүрмүн. Көрсө, алар бүт таранчылар экен. Мына махабат жыргалы деп ушуну айтыш керек.

Мырза ичинен көңүлүмдү көтөрөйүн деп эле мактап атат деп ойлоду.

Кыз туруп душка жуунуп чыкты да, кийинип атып:

- Мырза, сени кожоюн Россияга жиберген жатат,- деди.

Мырза демин ичине алып дымый түштү.

- Мен кечээ уктум. Баягы италиялык экөөңөрдү.

- Кайда жиберсе кете беребиз да. Биздин милдет тапшырманы аткарыш.

- Менин сага айтайын дегеним бөлөк. Кожоюн италиялыкка "Эгер Мырза Россияда жүргөндө кичине шектүү жүрүш жасап, калып калууга же өз өз жерине кетүүгө аракеттенсе көзүн тазала" деген тапшырма берди. Сен жөнүндө: " Али ишенимге кире элек. Сак болушубуз керек. Өтө түнт. Эч ким менен чечилип сүйлөшпөйт. Ичинен бир нерсе ойлоп жүрөт" деген жыйынтыкка келишиптир. Россияга сени аргасыз жиберип жатышат. Биринчиден, орус тилин жакшы билет экенсиң. Экинчиден, азиятсың. Россияда азияттар өз үйүндө жүргөндөй жүрөт дешет экен го. Анан да силер барып алып келүүчү же ошол жактан сүйлөшүп сөздү бүтүрүүчү "бута" да азият окшойт. Балким, сенин жердешиңдир. Кыскасы, оюң бузулса италиялыктан сак бол. Оюң бузулбаса деле ал желмогуздан сак бол.

Бир жакка тапшырмага барса өнөгү кырсыктан өлүп, дайым өзү соо келет. Өткөн бир тапшырмадан кайтканда "өнөгүн өзү эле бейкүнөө өлтүрүп койду. Бүт сыйлыкты өзү алыш үчүн" деп шекшип калышып текшерүү жүргүзүшсө да далилдей алышпады.

Мырза кыздын сөзүн үнсүз, дымып отуруп укту. "Россияга барасың" дегенди укканда эле жүрөгү дүкүлдөй түшсө да сыртынан сыр бербеди. Кыз сөзүн бүткөндө жылмая басып келип, өзүнө имере тартып эриндеринен өөп койду да:

- Рахмат кабарыңа. Бир чети кожоюндун мага ишенбегендигинин деле жөнү бар. Мындай оор тапшырмаларга чыга элекмин да, - деди сыр бербей.

Кыз Мырзанын мойнуна асыла:

- Мен эмнегедир сени экинчи көрбөчүдөй болуп турам. Арманда калбайын, дагы бир жолу махабат жыргалына баталычы, - деди да али жыйнала элек төшөккө басып жыгылды.

Демиккени али басыла элек Мырзанын оозунан өбө кыз кылыктана суроо узатты;

- Эл жериңди сагынсаң керек? Барсам деп эңсеп жүрөсүңбү?

Мырза кыздын түндөтөн берки максатын боолгоп түшүнө баштады. Азыр жүрөгүндө уюп жүргөн чындыкты айтса, башынан да айрылып каларын туя албагыдай кеңкелестерден эмес болчу. Анын үстүнө окутуучусу Раджу жалаң киши өлтүрүү, согуш өнөрүн гана үйрөтпөстөн, эмоцияны ичке сактай билүү, куулук өнөрүнө да машыктырган. Кыздын суроосуна кайдыгер кейипте жооп берип койду.

- Чынымды айтсам мен анчалык эс тарта элегимде эле согуш лагерине окууга кеткем. Ошол бойдон сыртта жүрөм. Бизди болсо чыныгы жоокерликке үйрөтүштү. Мен үчүн негизги максат- берилген тапшырманы так, учурунда аткаруу. Бүт жер жүзү мен үчүн Мекен. Бардык мусулмандар менин диндеш катары туугандарым.

Кыз Мырзаны "Бул азият чынын айтып жатабы" дегенсип тикчие карап сөзүн бузбай укту.

- А-а сенин кандаш бир туугандарың болгонбу?

- Жок. Мен балдар үйүндө өскөм. Энемди да, атамды да билбейм. Билгим да келбейт. Мени төрөлөөрүм менен таштап кетишиптир.

Мырза кыжыры келип кеткенсип кыжынып койду.

- Кечирип кой. Мен сенин оорулуу жериңе тийип алам деп ойлогон эмесмин. Мындай суроону бербесем деле болмок.

Кыз жароокерлене өөп койду.

- Эч нерсе эмес. Мен өмүр бою жооп берип келаткан суроолор. Көнүп калгам. Бир чети сыртта жүргөнүмө кубанам. Бул жакта сени эч ким: "Ата-энең ким? Уругуң кайсы?" деп сурабайт. Балким, өз жеримде болгондо кыйналмакмын.

Кыздын кучагынан бошонуп ордунан турду.

- О-й мен сени менен эзилишип жатып жумуштан кечиге турган болуптурмун. Кыз секирип туруп шашыла кийине баштады.

Арадан бир саат өтпөй кыз шефинин астында толук отчет берип турду. "Менин баамымда, Мырзада эл- жерин сагынуу деген сезим жок. Жоокерлик тартипке өтө берилген" деп жыйынтыктады сөзүн.

- Жаш жигиттин кумарына кызыгып кетип толук тамырын тарта албай калган жоксуңбу? - деди шефи каардуу.

- Мындай тапшырманы биринчи жолу аткарып жаткан жокмун го, - деди кыз үнүн пас чыгарып.

ххх

Мырзанын ичи уйгу-туйгу болуп, өзүн коөрго жер таппай турду. Чын эле Россияга, Москвага жиберишеби? Эгер барса, Москвада кыргыздар көп болуш керек. Жолугушу мүмкүн. Москвадан ары Кыргызстан Мырза үчүн тим эле кол сунса жетчүдөй туюлду. Жерин эстегенде көздөрүнүн кычыгы суулана түшөт.

Туулган жер. Мекен дегенден айрылуу мүмкүн эмес экенин жыл өтүп, акылы жетилген сайын терең сезип келатат. Куду бүгүнкү күнгө чейин түшүнөн жээгинде ойноп өскөн Ысык-Көл кетпейт. Бирде көк ирим көлдө кайдадыр чабак уруп жээгине жетпей кыйналып, бирде кум кечип, үлүл кабыктарын чогултуп, кайык таштарды кайыта көлгө ыргытып ойноп жүргөн болот. Бирде ат минип көк жашыл шиберлүү жайлоодо жүрүшөт. Ала-Тоонун шаңкыйган элеси көз алдынан кетпейт.

Кайдан да тирүүлөй түбөлүк түрмөгө түштүм эле. Тачка түртсөм да өз эл жеримде жүргөнүм артык экен го дегенди акыркы жылдарда көбүрөөк ойлой баштаган. Бул туңгуюк түбү жок, тегерегин тоскон тосмосу да жок, бирок, темир тордун ичиндегиден да жаман көзгө көрүнбөгөн камоодон кантип чыгып кетерине акылы жетпейт. Өмүрү кылдын учунда. Кылт этсе жок кылып коюш бул жердегилер үчүн көп ойлоонууну деле талап кылбаган иш. Сураары жок. Документи эч убакта колуна берилбейт. Тапшырма менен чыгып калганда убактылуу документ берилет да кайра келээри менен алып коюшат.

Россияга барарын уккандан баштап түнү уйкудан кетип, ичинен "ит өлүп", өзүн коөрго жер таппаса да сыртынан сыр бербей, демейдегидей эле күнүмдүк машыгууларына барып, эч нерсе болбогонсуп жүрдү.

Кыздын жөн эле жакшы көрүп калганынан келбегенин болжоп билди. Ошондо да "италиялыктан сак бол" дегенине түшүнө бербеди. Россияга барганда италиялыкты жок кылып коюш оор деле болбойт. Маселе андан аркысында турат. Кайда барат? Кыргызстанга барса муну ким кабыл алат? Тааныган эч кими жок. Буга кандай документ беришет али белгисиз. Балким, убактылуу урунгудай бир нерсе карматып коюшар. Деги, азыр Кыргызстан кандай болуп калды экен так кабарын билбейт. Анча-мынча уккандарына караганда турмуш баягы Мырза Бишкекте тачка түртүп жүргөн жылдардагыдан да төмөндөп кеткен имиш. Көпчүлүгү жумуш издеп чет өлкөлөргө, Россияга тентишүүдө. Мамлекет оор кризиске батып, элинин көбү оор жакырчылыкта дегенди угуп жүрөгү ооруйт.

Азырынча баш паанек кылып булар менен жүрө берсемби деп да ойлоп кетет. Кыргызстанга барса эмне иш кылат? Кесиби жок. Балким, фирмаларга телохранитель болуп иштеп кетер. Кантип эле иш таппай калсын. Деги тачка түртсө да эл жерине кеткиси келет. Мына ушундай эки анжы ойдо жанчылып, бир жыйынтыкка келе албай кыйналат.

Дагы бир чочуган жайы, азыр элине эптеп качып-бозуп барса кабыл алабы? Балким, кармап кесип жиберишээр? Барса, баягы төрөлгөнү тууралуу күбөлүгүн, калган көл боюндагы балдар үйүн таба алабы? Паспорт жасата алабы? Ким жардам берет, жан кишини тааныбаса. Суроо көп, жооп жок.

"Россияга барат экенсиң" дегенди укканда ушул суроолор кайра жаңырды. "Мүнөзүндө өзгөрүү болууда" деп байкап калышпасын деп гана сыртынан сыр бербей, күндөгүдөй эле тамактанып, машыгууга барып жүргөнү менен "ичинен ит өлүп" жатты.

Үчүнчү күнү эрте барып Фаризаттын дос кызынын үйүн сыртынан акмалай баштады. Ички туюму көп тынчсыздандырбагандыктан Фаризатка эч нерсе деле болбогонун билип турган. Көп өтпөй үйдү акмалаган баягы аэропорттогу жигиттерди тааныды. Фаризат көрүнбөйт. Тигилердин дүкөндө иштээрин да ушул эле күнү билди. Кечке жуук гана Фаризатты байкап калды. Артынан түшүүгө үлгүрбөдү. Таксиге түшүп жок болду. Бир санаа тартканы өзү Фаризатка байкалган жокпу, ушунда турду. Ишенгени ички күчтүү туюму гана болчу. Өзүн кимдир бирөө алыстан болсо да көз албай тиктесе, сөзсүз сезмек. Андай кабыл алуу болбоду. Демек, Фаризат байкаган жок болуш керек.

ххх

Россиядан, "тиешелүү кишинин изине түштүк. Эки-үч күндүн аралыгында колго түшүрөбүз. Биз суракка ала беребизби же өзүңүздөрдөн киши келеби?" - деген кабар келер замат италиялык менен Мырза жолго дайынданышты. Мырзага Россиянын атуулу, улуту башкыр деген паспорт даярдап беришти. Италиялык болсо орусча одоно акцент менен сүйлөгөндүктөн чет элден барган турист катары документ даярдашты.

Мырзага негизинен италиялыкты кайтарып, айтканын аткарып жүрө турган телохранителдик иш тапшырылды. Жумуш кандай бүтсө ошол замат кайра артка кайтышат. Кайра жөнөтүү таш-пиши Москвадагы өнөктөргө жүктөлдү.

Биринчи жолу Мырзаны шефи чакырып алып бетме-бет сүйлөштү. Кара сакал, бетинин териси быткыл-быткыл чуңкурлуу өңү серт. Көзү үңүрөйүп сүрдүү тиктеген. Дүйнөлүк террористтердин башчысы катары атын уккандын жүрөгүнүн үшүн алган бул адам Мырзадай жигиттери менен чанда өзүнө чакырып сүйлөшчү.

Мырза кирип келери менен бутунан башына чейин сыдыра үнсүз тиктеп турду. Мырза да унчукпай какайып буйрук күткөн жоокерче тура берди.

- И-и, демек, Мырза иш мындай. Сени Москвага жөнөтүп жатабыз. Милдетиң кошо барган өнөгүңдүн чекесине черттирбей кайра аман алып келиш. Анын өмүрүн коргош. Эгер ал кырсыктаса же башка бир биз каалабаган ишке туш болсо сен кандай жоопкерчилик тартарыңды билесиң да - деп дагы тиктеп койду.

- Билем - деди Мырза так.

- Билсең ушундай. Сага дагы бир айтарым, сенин сыноо мөөнөтүң ушул Москвага барып келгенден кийин бүтөт. Анан банктан өзүңө тиешелүү эсеп ачтырып акча салдыра баштайбыз. Москвадан кайткандан кийинки биринчи эсебиңе түшө турган акча он миң доллар болот. Ушинтип ар бир тапшырма аткарып келген сайын эсебиңе акча түшүрүп турабыз. Ал акчаны эмне кылып урунасың өз эркиң. Он жылдык кызмат кылуу мөөнөтүң бүткөндөн кийин кааласаң өз алдыңча кетесиң. Кааласаң биз жай жумуш таап беребиз. Оор тапшырмаларга барбай каласың,- деди көздөрүн кымыңдата.

- Сизге кызмат кылууга даярмын, урматтуу кожоюн, - деди Мырза жоокерче какайган калыбында.

- Эмесе жолуңар шыдыр болсун! - деп коштошту шефи.

ххх

Шаа алгач үйдүн сыртын бир сыйра мыктап текшерип алып, анан ичине кирип Фаризатты куткаруу планын түзүүнү туура тапты. Анүчүн караңгы киргиче күтө турган болду. Бул дача үйлөрдүн арасында жалгыз басып жүрсө көзгө урунуп калчудай, кайда барып убакыт өткөрсөм деп ойлой басып келатса астынан бою өзү кырдуу велосипед жетелеген орус жигит чыга калды. Велосипеддин артына ящик орнотуп, шишелерди толтуруп алыптыр. Кейпи, дачадагы үйлөрдү кыдырып шише чогултуп жүрсө керек. Катарлашып өтө бергенде башына бир ой келди да кайра артына бурулду.

Велосипед жетелеген жигит кандай уктап калганын да билген жок. Болгону, эки кулагынын асты "тыз" дей түштү. Аны ээн үйдүн короосуна сүйрөп кийирип дубалга жөлөй жаткызып коюп, өзү анын үстүндөгү эски күрмөсүн чечип кийип, эски топусун алды да велосипедин жетелей шише чогултуп жөнөдү.

Фаризатты алып киришкен үйдүн эшигинин коңгуроосун басары менен көп күттүрбөй эле дарбазадагы кичинекей көзөнөк ачылды да эки көз көрүнүп:

- Сага эмне керек - деди күркүрөй.

- Шише сатасыздарбы? - деди Шаа үнүн өзгөртө чыйылдап.

- Жок. Жогол көзгө көрүнбөй - деди да көзөнөктү шарт жапты.

- Бул үйдө дайым шише болчу эле. Мен жакшы баага алам - деди Шаа дагы чыйылдап.

"Шарак" - деп жалгыз киши кирүүчү кичинекей эшик ачылды да күрсүйгөн бою эки метрче бар неме чыга келди.

- Сен эмне укпайсыңбы? Мен сага жогол дедим го - деди да Шаанын колунан велосипедин жулуп алып ыргытканда шишелери шарактап сынып, велосипеди эки-үч метрдей барып түштү. Өзү буйтап кача бергенде чала-була көчүккө тээп калды.

- Энеңди... тентимиш. Экинчи бул үйдөн он метр айланып өтүп жүр. Уктуңбу?! -деди күркүрөй.

Эшик ачылганда үйдүн таза, эки кабат экенин, подвалын кошсо үч кабат болорун көрдү. Терезелеринин көздөрү кичинекей, темир тор менен тордолгон экен. Экинчи кабаты балкону менен курулуптур. Башка эч нерсе көрө албады.

- Кечириңиз... кечириңиз... - деди да рули кыйшайып калган велосипедин жетелей бөйпөңдөп качып жөнөдү. Тигил өз ишине ыраазы боло үйүнө кирип кетти. Велосипедди сынгандан калган шишелери менен кошо ээсинин жанына апкелип дубалга жөлөп, күрмөсүн чечип коңурукту кош тартып уктап жаткан неменин үстүнө жаап, башына топусун кийгизип, күрмөнүн чөнтөгүнө болжогондо сынган бөтөлкөлөрдүн баасындагыдай акча салып койду да өз жолуна түштү.

Кантсе да дарбазанын ичине бир башбагып алсам деген ою толук ишке ашпай калды.

Кой бир жерди дагы айланчыктасам көзгө урунуп калам, андан көрө мейманканага барып караңгы киргиче эс алайын - деп чечти.

ххх

Эшикти тыкылдатпай эле бирөө ачып кирип келгенде Мырза ванна жакта жүргөн. Ичинен "Бул ким болду экен? Баягы кыз дагы келдиби? Башкалар болсо эшикти тыкылдатат эле" - деп ойлой чыгып келатып "Жырткыч" менен бетме-бет тиктешип туруп калды. Мунун ооруканадан чыкканын уккан эмес. Оозуна келген биринчи сөз:

- Жакшы болуп чыктыңбы? - деди.

- Жата берсең, жата бересиң. Өзүм чыгып баса бердим. Сенде сөзүм бар -деди Мырзаны тиктеген калыбында. Көздөрү ойноктоп турду.

Мырза ичинен "эмне сөз болду экен?" деп ойлой;

- Макул, сүйлөшөлү. Тигил бөлмөгө өтөлү. Өзү жол баштай басты.

- Жок, бул жерден эмес. Менин жашаган жериме баралы. Мырза үнсүз кичине ойлоно калды да:

- Анда кийинейин, деп жатуучу бөлмөсүнө өттү.

- Мен коридордо күтүп турам, деди да "Жырткыч" чыгып кетти.

"Эмне сөзү бар?" деген ой Мырзанын тынчын кетирип, эсине "Жырткыч" жеткен кекчил. Өмүрү өчүгүп калганынан өчүн албай койбойт" деп уккандарын эстеди. Кайра өзүн сооротуп "Андай болушу мүмкүн эмес. Өткөндө ок тиштешпедикпи" деп коөт. Эмнеси болсо да "Жырткычтын" жүрү деген жагына баруудан башка жолу жок болчу.

Тез-тез кийинип чыга жөнөдү. Жанына курал алган жок. "Бар тобокел. Бара көрөйүн" деп ойлоп койду.

Экөө ээрчише эшикке чыгышса машина күтүп туруптур. Отурушкандан кийин "Жырткыч" алгач сөз баштады.

- Угушумча Россияга тапшырма менен жөнөп жатыпсың?

- Ооба. Ошондой тапшырма алдым. Муну көп деле киши билбейт го деп ойлогом.

- Туура. Көп деле киши билбейт. Бирок, биз билип турабыз. Өзүнө өзү курсант болуп койду.

Узак жүрүшпөдү. Чакан кооз үйдүн астына келип токтошту.

- Россияга кетериңде коноктоп коөюн дедим. Кантсе да ок тиштеген достордон болуп калбадыкпы.

- Ырахмат. Мындай сыйды күткөн деле жок элем.

"Жырткыч" каткыра күлүп үйгө өзү баштап кирди.

Түз эле компьютер анан телевизор турган бөлмөгө киришти.

Эми "Жырткыч" үнүн өзгөртүп токтоо сүйлөдү.

- Мырза, сен биринчи жолу оор тапшырма менен чыгып жатасың. Ошондуктан кожоюн сага ишенбей, "Россияда кала бериши мүмкүн" деген күдүк ойдо болуп, кайта-кайта текшертип жатат. Антип санаркаганынын да жөнү бар. Далай жигиттери ушундай чоң өлкөлөргө барганда кайрылып келбей, жалккан жайы да бар.

Кантээр экен дегенсип Мырзаны сынай тиктеп койду.

- Менин Россияда кала берейин деген деле оюм жок. Текшертсе-текшерте берсин. Анысына кызыкпадым деле, - деп койду кайдыгер. Кичине унчукпай туруп;

- Мага Россияң, Италияң, Аравия баары бирдей. Башкысы, иштээр ишим болсо болду. Ал эми менин колумдан келчү иштин кожоюну бардык жерден эле чыга бербесе керек.

Экинчиден, мен ушул кезге чейин өз эрким менен чымчык да ата элекмин. Мени согуш лагери буйрукту гана так аткаруучу мүнөзгө тарбиялап койгон. Эгер мага бирөөлөр жол көрсөтүп, багыт берип, буйрук берип турбаса өз алдымча ашкана кайда экенин да таппай калышым мүмкүн.Кыскасы, мен тирүү роботмун.

Мунун баарын "Жырткыч" да мени текшерип жатат го деген ой менен ишенимдерин бекемдеп коөюн деп айтты.

- Россияда кала бересиңби же кайта келесиңби менин ишим жок. Болгону сенин астыңдагы достук парзымдан кутулуп коөюн дедим.

Себеби мындай. Эгер тапшырма ойдогудай аткарылбай калса кожоюн катуу жазалайт. Катуу дегеним сен канчалык табылгыс кымбат болсоң да жок кылып коюшу мүмкүн. Кейпи, кандай да болсо ишти так аткарууга далбасташсын дегени го. Экинчиден, канча катуу болсо ошончо тартип да болот эмеспи. Сени менен болсо жанагы оңбогон италиялык шумпай баратыптыр. Андан эки эмес, төрт көзүңдү тең ачып сак бол.

Аны мындай ишке жибере койчу эмес эле, аргасыз, орус тилин билгендиктен тандаса керек. Эң башкысы бул эмес. Эми негизги сырды ачайын. Бул экөөбүздүн гана ортобузда калсын. Оозуңдан бирөөгө чыкса менин жанымды садага чапканың. Кана, мындай отур, - деди да компьютердин маңдайындагы орунтукту көрсөттү.

Өзү компьютерге отуруп шыпылдатып тере баштады. "Жырткычтын" Компьютерде иштегенине Мырза оозу ачыла таң калып карап калды.

Компьютерден бир кылмышкердин досьесин таап чыкты да:

- Мырза, жакшылап карап ал. Мына бул адамдын улуту орус. Азыркы дүйнөлүк киллерлердин атактуусу. Өзгөчө мурунку СССРдин аймагында иштөө боюнча буга жеткен эч ким жок. Азыр Майамиде турат. Өзү билльярд оюну десе ичкен ашын жерге коөт. Чынында мыкты ойнойт. Ошондуктан "Игрок" деген кличкага ээ болгон. Мен муну менен жакындан таанышмын. Ал түгүл эки-үч иште чогуу да болгонбуз. Англисче эркин сүйлөйт. Ооган согушуна катышкан. Чыныгы аты-жөнү ким экени сага кереги да жок. Паспорт которуш бул үчүн "сокур ит бок жалаганчакты" иш. Өңү-түсүн да оңой өзгөртүп, бирде кара чач, кара мурут, көз айнекчен боло калса, бирде мышмыйган сары. Кыскасы, өз ишинин чыныгы профессионалы. Жанында жүрүп байкаганым бар. Бир гана өзгөртө албаган адаты тамак ичкени же пиво ичкени отуруп жатканда болсун, бирөөлөр менен көчөдө сүйлөшүп атканда болсун сол колунун үстүн оң колунун ортону менен үч-төрт жолу кашып тырмап коймою бар. Мындай жаман сапат кайдан жукканын билбейм. Так ушуну эсиңден чыгарба.

Жанатан үнсүз угуп отурган Мырза тигини таң кала карай, чыдабай сөзүн бөлдү.

- Мунун баарынын мага эмне кереги бар?

- Мадыра башым. Даана сүт оозсуң да. Сен эми кааласаң да каалабасаң да жанды оозго тиштеген тапшырмаларды аткара баштайсың. Эгер аман келсең. Ошондуктан өтө көп нерсени билишиң керек. Кожоюн италиялык экөөңдү коө берип коюп кала бербейт. Артыңардан дагы бирин жөнөтөт. Анын милдети бирөө гана. Силердин кайда жүргөнүңөрдү аңдып, сары изиңерге чөп салат. Кылт этсеңер жок кылат.

Мындайга "Игроктон" артык табылга жок. Анткени, мурун да бир нече жолу кожоюнга ишенимдүү иштеген. Билип турам "Игроктун" өзүн эмне жибербейт дегиң келип турат. Ал киллер. Эч ким менен сүйлөшүү жүргүзгөндү билбейт. Бирөөлөрдү айдап келгенди, байлап келгенди билбейт. Жок кылганды гана билет. Өзүн эч кимге көрсөтпөшү керек. Эми кичине түшүндүңбү?

Мырза унчукпады. Айтар сөзү да жок болчу.

- Дагы бир киллерди көрсөтөйүн. Кайрадан компьютерин терип көздөрү жүлжүйгөн азиятты таап чыкты.

- Мунун улуту ким экенин да эч ким билбейт. Кыскасы, азият. Балким, сенин жердешиңдир. Муну менен иштешкен эмесмин. Өзгөчөлөнгөн адаттарын билбейм. Кличкасы "Катынпоз". Барган жеринде биринчи кезекте эң сулуу сойкуну төшөгүнө сүйрөйт деп уккам.

Менин оюмча, эгер "Игрок" оюнга кошулбай калса кожоюн ушул "Катынпозду" жалдайт. Себеби, бул да мыкты киллерлерден. Өтө куу, түлкүдөй сак. Көбүнчө жумушсуз байкуштай же челнокчудай болуп кубулат деп уккам. Анан да өзүн кары 50-60 тагы кейипте көрсөтө алат дешет.

Менин сага берээр кеңешим ушул. Балким, кереги тийип калар. Анан дагы бир жеке пикиримди айтайын. Эгер тапшырма ойдогудай бүтпөй калса кайрылып келбей эле кой дейт элем. Жакшысы, Россиянын учу-кыйырсыз мейкиндигине сиңип кет. Жашсың. Сага жанды оозго тиштеген жашоонун эмне кереги бар. Кеп көп акча табышта эле бекен. Мына менин бир нече миллион долларым бар. Өзүм жыргап жүрөмбү? Түрмөдөгүдөн жаманмын. Кожоюн кааласаң бошсуң деп коөт. Кылт этейинчи. Интерполго шыбырап коөт. А-а мени ал жакта "электр орунтугу" эчен жылдан бери саргарып күтүп турат. Ушундай, жаш досум. Муну сага жөн эле айттым. Эрк өзүңдүкү, - деп колдорун көтөрүп койду да ордунан туруп, жүрү, кофе ичели, -деди.

- Ичкилик сунуш кылбайм. Себеби, ичпесиңди билем. Ичпегениң жакшы. Мырза үнсүз артынан ээрчиди. Эч нерсе сүйлөй да албады. "Жырткыч" берген кабарлар чындыгында баалуу болчу. Болгону муну "Жырткыч" эмне ой менен айтты башы жетпей турду. Чын эле өзүнүн сүт ооз экендигин мойнуна алып сына түштү. Ооганстандын талааларында жортуп жүрүш башка иш. Ал эми миңдеп сени курчаган түрлүү адамдардын арасында өзүңдүн ким экениңди жашырып алып жүрүш башка иш экенин түшүнө баштаган. Мына ушуга көнө албай жүдөй түшөөр эле.

Экөө кофе ичип отурганда:

- Менин бактыма силердин артыңардан аңдыбайм. Анткени, орус тилин билбейм. Ал эми киллердин ишинде тил болбосо болбойт - деп күлүп койду. Анан да өз иштерине тиешелүү көп "өнөрлөрдүн" сырларын чечиле айтып берди.

ххх

Аба лайнери аппак болуп уюлгуган булуттардын үстү менен зымырап баратат.

Ажатканадан келаткан Мырза өздөрү отургандан төрт катар арткы орунтукта башын кыйшайтып уктап келаткан орус жигиттин улам колунун үстүн тырмап койгонун байкары менен эсине "Жырткычтын" айтканы түштү. Жөн эле туш келүү мүмкүн эмес. Демек, "Жырткыч" чындыкты айткан экен. Анын үстүнө компьютердеги сүрөттөрүн улам бир капталынан чоңойтуп карап атканда сол кулагынын астынан ширенкенин башындай меңди байкаган эле. Оң жагына кыйшайып уктап бараткан тигинин сол кулагынын астындагы меңи да даана көрүнүп турду. "Игрок" тууганым биздин артыбыздан түшкөн экенсиз да" - деп ичтен ойлоп койду. Азыр эле жанына отура калып катуу укуп бир кабыргасын сындырып, жүрөгүнө кийре уруп тынчытып койсомбу - деп колу кычышып барып, кайра бара көрөлү деп чечти.

Бейкапар уктап келаткан италиялыктын жанына отуруп үргүлөмүш болгону менен ою уйгу-туйгу болуп ичинен ойлогону "Боштондукка чыгуучу жалгыз мүмкүнчүлүк ушул. Эгер муну колдон чыгарсам анда бейкүнөө өмүрдөн айрылам же өмүр бою кожоюндун "түрмөсүндө" жүрөм" деген ой улам бекемделе берди. "Кантип?" деген гана бир суроонун жообун таппай келатат. Самолеттун ичинен эле италиялыкты да, тигил "Игрокту" да жайлап, жалгыз түшүп кетсе кантет. Анда тосуп алуучуларга эмне дейт. Аларга көрүнбөй жылт койсочу. Жок. Өтө опурталдуу. Бара көрөйүнчү. Дагы ылайыгы келээр - деп чечти.

ххх

"Игрокко" жаңы тапшырма боюнча сунуш түшкөндө сыртынан сыр бербей, кербезденип соодалашымыш болгону менен ичтен кубанып кетти. Биринчиден, акыркы мезгилде иш жок, буга чейинки жыйган каражатынын түбүнө жетип, капчыгы бошой баштаган. Экинчиден, жаңы тапшырма сунуштаган кожоюн эч убакта соодалашчулардан эмес болчу. Ал бардык нерсенин баасын билчү жана жетишээрлик түрдө мыкты төлөчү.

Анын үстүнө тапшырма "Игрок" үчүн деги эле иш деп атагыдай да көрүнбөдү. Бир суу мурун жаш бала менен кайдагы бир калжаңдаган италиялыктын сыртынан акмалап Россияга барып келет. Болгону күн сайын кожоюн менен байланышып эмне кылышты, кайда жүрүшөт кабарлап турат. Эгер жок кыл десе экөөнү тең жок кылат. Тийбе десе тийбейт. Эмне болсо да этегинде ири өлчөмдө акы алат. Тигилерди жок кылса да же жок кылбай эле акмалап жүрүп кайра келсе да, төлөнчү сумма бир. Кошумча бүт чыгаша кожоюндун эсебинен. Кыскасы, Россияга эс алууга барып келет турбайымбы деп кубанып алды. Москваны эле көрбөгөнүнө үч жылдан ашыптыр. Кантсе да мекенин сагынып калганын самолетко отуруп жатканда билди.

Экөөнү теңине албай кербезденип келатканын самолөттогу жүрөгүн "тыз" дей түшкөн сезим бузуп, ичтен дүпөйүл боло түштү. Калп эле уктамыш болгону менен көнгөн профессионалдык адаты менен экөөнөн көз кыйыгын албай келаткан. Мырза ажатканага чыгып кайра келатып 3-4 секундача аны аябай караганын сезди. Минтип тааныган адамын же шекшиген кишини тиктейт. Өңү-түсү белгилүү адамдардыкынын бирине да чендебейт. Окшоштуруп карап жатабы дегидей. "Бул суу мурун эмнеге тиктеди". Акмалап байкаса башкаларды антип тикчие тиктемей деле адаты жок экен. "Бирөөлөрдөн шек кетип, кабардар болуп калганбы? Кимден? Кандайча?" деген суроо турду. Кайрадан Мырзанын досьесин эстеди. Согуш лагеринде он төрт жашынан тарбияланган. Өзүнө берилген буйрукту так аткарган мыкты жоокер. Бир жылдан ашык кошумча телохранителдик окууну жана жүрүш-туруш эрежелерин окуган. Демек, бул суу мурундун тыңчылык куулук-шумдугу болушу да мүмкүн эмес. Маселе италиялыкта турат. Балким, ошол акырын буга шыбырап койсочу. Анда даана акмактыгы да, мындай эне сүтү оозунан кете элек неме бат эле билгизип коөрун түшүнбөйбү. Балким, ашыкча шекшинип жаткандырмын - деди да дагы сынап көрүүнү туура тапты.

ххх

Мырза орунтугунда чалкалай ойго чөгүп баратып "Жырткыч" досунун берген көрсөтмөлөрүн эстеди. "Игрок" чыныгы профессионал, ошондуктан сак бол. Эгер сенин байкап калганыңды шекшисе сынап көрүшү мүмкүн. Маселен, жөнөкөй трюктар бар. Күтүүсүз көптүн арасынан жок болуп кетет. Бирок, бир жерге жашынып сени карап турат. Сен алактап издей баштайсың. Демек, байкап койгонуң чын. Экинчи, күтүүсүз артыңдан чукул келет да саламдаша кетет. Сен алактай түшөсүң. Ал түгүл тердей да түшүшүң мүмкүн. Бул да өзүңдү-өзүң сатканың. Үчүнчү, таанышып алууну сунуштайт. Ал түгүл мейманкана табышууну, керек болсо чогуу жашоону. Өңү-башың кубарып өзгөрө түшсө бул да өзүңдү сатканың. Анткени, сени өлтүрө турган адам сени менен чогуу жашайлы десе кимдин өңү кубарбайт экен" - деген өңдүү билген акылдарын колдон келишинче үйрөткөн. Баарына кайдыгер кара. Мейли, ал чыйпылдасын. Сен кебелбе. Ал баары бир сенден алыс кетпейт. Сени айланып жүрөт. Болгону түсүн өзгөртөт. Жүрүш-турушун, кейпин өзгөртөт. Жон териң менен гана кайда жүргөнүн, кай капталыңда экенин сез да өз ишиңди кыла бер - деген.

Чынында Мырза "Игроктун" байкап калганын сезген жок. Жөн гана көрсөтмөнү так аткарып көнгөн жоокерлик адатына салып "Игрокко" экинчи көңүл да бөлбөй коюуну туура тапты.

Самолеттон атайлап тигилердин аркасынан түшкөн "Игрок" эгер суу мурун байкап калса мага кылчактап карайт го деп ойлоду эле андай болбоду. Мырза эч нерседен бейкапар италиялыкты жандап, дөлдөйүп кетип баратты. Бир-эки жолу атайлап жашынып "жоголуп" да көрдү. Мунусунан да эч нерсе чыккан жок. "Кейпи, мен ашыкча шекшинип жиберсем керек" деген ою бекемделе баштады. Ошондо да профессионалдык күчтүү туюмунда жүрөгүндө эрибеген "муз" турду. Туюу сезими булардын ишинде чоң мааниге ээ болгондуктан баягы "турист болуп ойноп келчү иш экен" деген бейкапарлыгынын ордун түшүнүксүз санаа ээлей баштады.

Ал түгүл адатынча оозуна сагыз салып жатып колдорунун манжалары кичине титиреп турганын сезди. "Эмне болуп баратам, чын эле картая баштадымбы, кайдагы бир сүт оозунан кете элек неме тиктеп койду деп ушунча санаа чегип. Балким, ага менин уктаганым жагып калгандыр" деп өзүн-өзү жоошутуп кол шилтей кетти.

Тигилерди болсо күтүп тургандар бар экен. Тосуп алышып коштоп жөнөштү. Берки да шашыла такси кармады.

ххх

Аэропорттон Мырзаларды тосуп алган дүкүйгөн-дүкүйгөн орус жигиттер капкара "Аудиге" отургузушту да зымыраган бойдон жөнөштү. Жолдо карата улам сотка телефондор менен сүйлөшүп коюшат. Мырза ичинен "Россияда кризис дешчү эле кризиси деле байкалбайт го. Кыйналып жашагандары ушул болсо" деп ойлоп койду. Италиялык адатынча тигил жигиттер менен мааниси жок эле бир нерселерди кажылдашып баратты. Булар Москвага киришкен жок, чет жакасы менен жүрүп отуруп калың дачаларга кайрылышты. Дубалы бийик, дарбазасы темир бир үйгө түз эле машина менен кирип кетишти.

Күн батып күүгүм талаш болуп калгандыктан кандай жерге келишкендерин Мырза толук деле айрый албады. Машинадан түшкөндө үйдүн анча чоң эмес чакан короосунун оозунда автоматчан эки жигит, экинчи кабаттагы балкондо бир жигит турганын көрдү. Коштоп келген үчөөнүн да коюндары тултуюп, асынган куралдары бар экени көрүнүп турат.

Үйдүн эшик алдынан буларды бою эки метрче бар кең далылуу, аюудай күрсүйгөн орус тосуп алды. Утурлай баса;

- Мырзалар, чарчабай-чаалыкпай келип калдыңарбы? Чыдамсыздык менен күтүп аттык эле - деди күркүрөй. Учурашкандан кийин өзү баштап үйгө киришти.

- Кантсе да жол жүрүп келбедиңерби, алгач кечки тамакка отурсак кантет? - деди эле италиялык:

- Ошентсе да болот. Анан ишти көңүлдүү баштайбыз да, - деп койду шашпаганын билгизип. Италиялыктын бир адаты ичкиликке көп жок болчу. Орустар тамак учурунда салттары боюнча арак сунуш кылышты эле кичине ууртады да ичпей койду. Тамактан кийин ээрчишип үйдүн астына жертөлөгө түшүштү. Калың дубдан жасалган эшиктин сыртынан бир куралчан жигит кайтарып турган экен. Ичкериге киришкенде бурчтагы жерге бекем орнотулган креслого окшоштурулуп жасалган орунтукта бир татынакай кыз таңылып туруптур. Аны көргөн италиялык алакандарын чаба;

- Мырзалар, ушундай сулуу чымчыкты да ушинтип таңып коөсуңарбы? Мунуңар болбойт го - деди бир чети таңдана, бир чети нааразы боло.

Мырза да таң кала кызды карады. Онго чукул куралдуу күрсүйгөн эркектер ушул ийрейген кызды кайтарып жүрүшөбү? Анысы аз келгенсип таңып да ташташыптыр - деп ойлоду.

Италиялык "кызды чечкиле" деп буюрду. Орустар бири-бирин карап калышты эле жанагы күрсүйгөнү эң чоңу окшойт, "чечкиле" деп ишарат кылды.

Кыз таңылуудан талыган колдорун ушалай беркилерди бакырайган капкара көздөрү менен тикирейе карады. Өңү кубарып турганы менен аябай корккону байкалбайт.

Италиялык арытан бир орунтук алып так кыздын маңдайына барып отурду да:

- Сулуум, чыныңды айтчы, Азияттан качышка эмне түрткү болду? Маселен, мен жанагы Саид деген келесоонун сени азгырганга жараганына көп ишенбей турам. Себеби, мен аны жакшы таанычумун да, - деди какшык аралаш. Кыз тигини кыжырлана тиктеп туруп:

- Мени чоң кожоюнга алып баргыла. Ансыз өлтүрсөңөр да мен силердин эч кимиңер менен сүйлөшпөйм, - деди үнүн өкүм чыгара.

Мырза ичинен "Бул шуркуя оңой эмес го" деп ойлоп койду.

- Балким, сен күткөн "чоң кожоюн" маңдайыңда отургандыр - деди италиялык тамеки тутанта.

- Сен Азияттын аялы Фаризат менен сүйлөшүп атканыңды унутпа. Мен "чоң кожоюн" ким экенин жакшы билем. Ашык сүйлөгөнүң үчүн жооп берип калба, - деди дагы деле өкүм.

Италиялык сөз таппай ойлонуп отуруп калды да беркилерге кайрылып:

- Бардыгыңыздар эшикке чыга турасыздарбы? Биз өзүбүзчө бир аз сүйлөшөлү, - деди. Мырзага болсо, - эшиктин сыртынан кайтарып турчу, - деди англисче.

Фаризат англисче таптак сүйлөп:

- Булардын бири да англисче билбейт. Биз англисче сүйлөшсөк түшүнүшпөйт. Эгер каалашса отура беришсин - деди.

Италиялык оозу ачыла Фаризатты бир карап койду да, дагы англисче:

- Сактык жакшы го, өзүбүзчө эле калалы, - деди.

Беркилер үнсүз сыртка жөнөштү. Мырза да кошо чыгып эшикти сыртынан жаап, мурда орус жигит отурган орунтукка отура кетти.

ххх

Шаа астыда чоң иштер турганын сезгендиктен мейманканага келери менен жок дегенде төрт саат тынч уктап мыктап эс алып, боюма керектүү энергия топтоюн деп чечти да диванга түптүз чалкасынан жаткан боюнча уктап калды. Арадан төрт саат өткөндө ойгонуп малдаштокунуп он беш минутадай отурду. Анан кийине баштады, ичинен нинзалар кийүүчү кара жука кийим кийди да баягы бел боосун оронду. Белбоого түрлүү ичке бычактарды, жылдызчаларды бекитти. Артына сабын укумча чыгарып кош кылычын тагынды. Астыдагы беттешүүдөн жүрөк опкоолжуткан бир кара көлөкө көрүнүп турду. Ошондон башкасынан оңой өтчүдөй.

Сыртынан спорт формасын кийип, чөгөлөй отуруп дагы бир жолу сыйынды да шарт чыга жөнөдү.

Такси менен баягы Фаризатты алып кирип кеткен үйдүн жанына келгенде түн ортосуна жакындап калган. Үйгө дубалдаш коңшу дачанын короосунда өскөн бийик кызыл карагайды күндүз эле болжоп койгон эле. Коңшунун огороду аркылуу ошол кызыл карагайдын түбүнө келгенде ийиндеги кичине сумкасына сырткы киймин чечип салды да кайра аркасына илип, өзү мышыкча шыпылдай бактын башына бат эле чыгып кетти.

Карагайдын бир бутагы тигил үйдүн крышасынын кайкы жерине чукул экен, өзүнүн салмагын көтөргүдөй жерине чейин барганда күүлөнүп туруп секирди эле крышанын үстүнө буттарынын учтары менен "дүп" деп түштү. Тең салмагын сактап бүкчүйүп, ийиле кыймылсыз катып туруп калды. Экинчи кабаттын балконундагы кароолдо турган жигит добушту чала угуп, кулак төшөп калды. Башка добуш угулбагандан кийин жанынан тамеки алып күйгүзүп шашпай чеге баштады.

Крыша менен дабыш чыгарбай мышыкча баскан Шаа четине келди да төмөндө, балкондо тамеки чегип турган жигитти даана көрдү. Жанынан бир жылдызчаны алып чыгып шилтеп калганда тигил кичине темтеңдей түштү да, анан акырын бүк түшүп кулап калды. Бул жылдызчалар уктатып коюучу күчтүү ууга сугарылган эле. Шаа эми түптүз балконго секирип түштү. Балкондон ичке кирген бөлмөдө эч ким жок экен, шыпылдай чуркап ичкериге кирди. Экинчи кабат айлампа түрүндөгү бөлмөлөрдөн туруп, биринчи кабаттын фойеси кенен экен. Бүт жигиттер тобу менен ошол жерде отурушуптур, бешөөнүн экөөсү кыска "УЗИ" автоматтарды ийиндерине илип алган. Бул жерден кол салуу өтө коркунучтуу. Демек, деди да кайра балконго чыгып балкон аркылуу короо ичине секирип түштү. Дарбазанын оозунда бир жигит ары-бери басып туруптур. Бири үйдүн эшик алдындагы орунтукта чалкалап, тамеки чегип отурат.

Жылдызчалардын бирин ары-бери басып турганга ыргытты эле, ал темтеңдей түшкөндө берки аны карап отурса керек: "Эй, сага эмне болду? Баары жайындабы?" - деп ордунан тура калды. Эми экинчи жылдызча анын мойнуна кадалды.

- Бул жерде бир иш бар - деген бойдон кулап түштү.

Аларды далдоого араң сүйрөдү. Бери дегенде жүз килден кем эмес килейген немелер экен.

Дарбазаны ичинен ачты да сигналын басып коюп өзү ичкеридеги караңгы бурчка жылт койду. Үйдөн экөө удаа чыкты. Жылдызчалар экөөнө удаа кадалды. Дагы ичкериде үчөө бар. Тигилерди эки-үч метрче эшик алдынан оолак сүйрөп коюп кичинеге күттү эле дагы бири чыга келди. Элеңдей карап, "Эй силерде баары жайындабы? Шеф сурап жатат?" - деп кыйкырды, чыга элек жатып. Жылдызча моюнуна кадалганда манжалары ийнине асынган "УЗИ" автоматынын курогунда турса керек, кулап баратып көктү карата эки атып калууга үлгүрдү.

Шаа "Шайтан алгырдыкы" деп кыжынып алды да түз үйгө жүгүрдү. Эшикти шарт ачып чыга келген жигит экөө беттеше түшүштү. Колундагы пистолетин ыргыта тепти да тигинин санына ичке бычакты матырып алды. Бул бычактар да ууга чыланган эле.

Ал "Ки-аа" деп бутун көтөрүп тебейин деп баратып темтеңдеп кулап түштү. Эми ичкериге кирди.

Фойеден күрсүйгөн кожоюн экөө бетме-бет чыгып калышты.

- Мына сага, сен кайдан чыга калдың? - деди кожоюн таң кала. Маңдайындагы капкара кийинип эки эле көзү көрүнгөн ниндзяны тиктей.

Көкүрөгүнө жылдызча кадала түштү.

- Уу акмак. Мен сага көр... - тили булдуруктай жанынан пистолетин сууруп чыкты. Шаа дагы бир жылдызча ыргытты эле ал сол каруусуна сайылды. Ошондо да тамтаңдай пистолет менен туш келди бир атып анан кулап түштү.

Үстүнөн атылган октун үнү Мырзага бул жолу даана угулду. Жана эки жолкусу да угулган "УЗИнин" үнү экенин да тааныган, бирок, ордунан жылган эмес. Мунусу "Макаровдуку". "Эмне кылуу керек?" - деди да жертөлөгө башбагып италиялыкка:

- Үстүндө атышып жатышат окшойт. Биз кантебиз? - деди суроолуу.

Италиялык чочуп кетти.

- Эмне деп дөөрүп жатасың?

- Дөөрүгөн жокмун. Эки жолу "УЗИнин" бир жолу "Макаровдун" үнүн уктум. Мырзанын шылдың кепти көп көтөрө албаган намыскөй экенин италиялык да билип калган. Кайра сөзүн оңдоп:

- Кечир мени, көнгөн адатым боюнча эле... Эмне кылалы деп ойлойсуң? Кайра суроо узатты. Мырза кичине ойлонуп турду да:

- Мен үстүнө чыгып карап, эмне болуп жатышат билип келейин. Силер ушул жерде болгула. Ичинен бекитип алгыла - деди да шарт бурулуп чыгып кетти.

Шаа тигил күржүгүйдү жыккандан кийин Фаризатты кайдан издерин билбей башы ката түштү. Биринчи кабаттагы бир эшикти ачса ажаткана экен. Экинчисин ачса ашканасы болуп чыкты.

Аңгыча төмөнгө кеткен тепкич тараптан бирөөнүн чыгып келаткан добушу угулду.

Бурчка жашынып, жылдызча даярдап күтүп калды.

Бою бир токсондон ашык, сөөк-саактуу, кара чач, көздөрү бакыракай, кара каш, эриндери калбыгыйраак сулуу жигит чыга келди.

Жылдызчасын ыргытууга камынган Шаа ичинен "Ой, мунум кыргыз го. Же казакпы?" деп ойлоду да кайра жердештерге эзилүүгө убакыт жок деп шилтеп калды. Тигил капталынан учуп келаткан жылдызчаны карабай туруп буйтап кетти да, илбирсче түйүлүп калды. Шаа эмне болуп кеткенине түшүнбөдү. Кайра "Ии, жанагы мен чочуркап аткан кара көлөкө ушул экен го. Болбосо, жөн адамдар учуп келаткан жылдызчадан көрбөй туруп буйташы мүмкүн эмес эле" деп ойлой аяр баса ачыкка чыкты.

Тигил көздөрүн бакырайта астындагы ниндзяны сынай карап койгону менен коркуп кеткени билинбеди. Экөө бири-бирин үнсүз тоорушту. Убакыттан шашкан Шаа биринчи чабуул койду. Буттары аба тилип, колдору ойногон менен бири да ойлогон жерине жетпеди. "Мына сага, мен кимге туш келип калдым. Чыныгы ниндзяга жолукканмын го" - деди таңдана. Эми тигил чабуулга өттү. Тим эле чагылгандай экен. Ар бир соккусу өлүм жыттанат. Жалаң гана жан кыйылчу талуу жерлерге багытталган. Шаа араң коргонууга үлгүрүп жатты.

Астында оңой жоо турбаганын билгенден кийин эми саксынып боюн жыйып, энергиясын топтоп бир чети кыжыры да келип түйүлө түштү.

Экөө бир мезгилде бири-бирин качырып сала беришти, орунтуктар талкаланып, дивандар оодарылып бир паста фойенин тозоңу чыгып кетти. Мындай күчтүү чыгыш күрөшүнүн чеберине жолугам деп Шаа ойлогон эмес.

Анан калса тартактап колу-буту да узун болгону аз келгенсип эсепсиз күчтүү экени колунун кыры тийгенде быркырап кеткен орунтуктардан көрүнүп турат.

Экинчи жолу ай ушул кыргыз болуп жүрбөсүн - деп ойлоду. Тигинин дагы бир артыкчылыгы эч ойлонбой эле автоматтай иштей берет экен. Эгер азыр минтип муштайм деп ойлонгондо эле Шаа астына ала түшүнүп коймок. "Кайдан кыргыз болсун. Кыргыздан ушундай неме чыкмак беле?" - деди да эмнеси болсо да сурап көрөйүнчү деп;

- Эй, сен кыргыз болуп жүрбө? - деди кыргызча.

Жаңы эле илбирстей түйүлүп секиргени жаткан тигинин көздөрү бакырайып кетти да тиктеп туруп калды.

- "Өзүң чын эле кыргызсыңбы?" - деп ойлоду бирок суроо берген жок.

Шаа:

- Ооба, мен кыргызмын, - деди. Мырза дагы кичине үнсүз турду. Ичинен "Мен чын эле кыргызча угуп жатамбы же орусча менен чаташтырып жатамбы?" - деп ойлоду өзүнчө.

- Сен кыргыз тилин угуп жатасың - деди Шаа.

Мырзанын даана башы айлана түштү. "Ойлонуп жатамбы же сүйлөп жатамбы. Эгер ойлосом тигил кантип билип коюп жатат?" - деди түшүнө бербей. Шаа бул жолу үн деген жок. Жөн гана башындагы маскасын чечти. Мырзанын маңдайында ортодон жогорураак бою бар чымыр денелүү кадимки кара чач, кой көз, тоголок жүздүү кара торусунан келген кыргыз жигити турду.

- Сиз кимсиз? - деди Мырза үнүн чыгара. Кыргызча тили булдурай түшкөндөй туюлду. Канча жыл болду дейсиң өз эне тилинде бир ооз сөз сүйлөй элегине.

Шаа жооп бербестен суроо узатты.

- Өзүң тигинин жигитисиңби? Мурда көргөн жок элем го? Арыта кулап жаткан ушул үйдүн ээсин көрсөтүп койду.

- Жок. Мен бүгүн чет жерден учуп келдим. Буларды түзүк деле тааныбайм - деди, Мырза.

Кыргызча сүйлөп жатса да тилинен күчтүү англис акценти билинип турду. Демек, дайыма англисче сүйлөшкөн жерден келген экен деп ойлоп койду Шаа.

- Өзүңүз кайдан келе калдыңыз? - деди Шааны карап.

- Менин келген себебим, менин тааныш кызымды булар уурдап кетишип ушул үйдө камап атышат. Ошону бошотуп кеткени келгем - деди Шаа. Мырза сөз ким жөнүндө баратканын билди.

- Түшүндүм. Фаризатты айтып жатасыз го?

- О-оба. Ошол.

- Анда биз да ошол Фаризатыңыздын азабынан бул жердебиз. Аны бошотуп кетиш кыйын го.

- Кандайча? Силер атайы Фаризат үчүн келдиңерби? Канчоосуңар?

- Экөөбүз келгенбиз. Маселе санда деле эмес. Баары бир алып кетишибиз керек. Анткени, аныңыз биздин кожоюнга өтө керек экен.

- Демек, мени тынчытмайын Фаризатты бошото албайсың дечи? Деги атың ким. Сүйлөшүңө караганда бери дегенде беш жылдан бери кыргызча сүйлөбөсөң керек. Мырза кызара түштү.

- Туура жети жылдан бери кыргызча сүйлөй элек болчумун. Атым Мырза.

- Балким, катуу кармашпай эле жеңилип бербейсиңби? Мен сени тигилерче уктатып коөм да Фаризатты алып кете берем. Сени эч ким деле күнөөлөбөйт.

- Жок, болбойт. Анте албайм го. Фаризат сизге эмнеге керек? Кандайча таанышыңыз?

- Чынымды айтайын Фаризат билген бир чоң сыр бар. Ал сыр кыргыз элиники. Демек, башка жакка ообой биздин элде гана калышы керек. Айла жок. Эгер тоскоол болсоң эл үчүн сенин жана башкалардын жанын кыям да бул жерден Фаризатты бошотуп кетем.

Мырза ойлоно түштү Шаанын чыгыш күрөшүнүн укмуштай күчтүү чебери экенин түшүнүп калган. Экинчиден, өлтүрөйүн деген ою жок экенин да билген. Буга чейин жөн гана тигилерче уктатып койсом деп аракеттенип жатты. Эгер аркасындагы кош кылычты сууруп чыкса, анда жанынын аман каларына ишенбей турду. Буларга тигил эч бейкапар күркүрөп уктап жаткан аюу эч кандай курал берген эмес. Тигил жакта италиялык ийненин үстүндө отургансып зирпилдеп отурса керек.

"Балким, буларга жардам берип кошо кетсем кантет?" - деп ойлой кетти. Шаа көздөрүн жайната:

- Андан көрө сен мага жардам бер. Фаризатты чогуу куткарып кетели. Буларга качанка кызмат кылып жүрмөк элең? - деди. Оюн билип тургансып.

- А-а сиздин кожоюнуңуз ким? - деди Мырза Шааны ойлуу тиктеп.

- Менин кожоюнум жок. Мен өз башыма өзүм ээмин. Биз менен кетсең сен да өз башыңа өзүң ээ болосуң - деди, Шаа тим эле тигинин эңсөө тилегиндегисин айтып.

- Чын айтасызбы?

- Эмнеге калп айтмак элем. Таза чындык.

- Анда ок тиштеңизчи?

Шаа тигил күрсүйгөн кожоюндун колундагы пистолетти алды да магазинин чыгарып бир огун сууруп чыгып Мырзага көрсөтүп туруп;

- Калп айтсам ушул октун анты урсун, - деп учунан тиштеди.

Мырзанын көздөрү жайнай түштү.

- Мага алгачкы учурда гана жардам керек. Документ табышканга жардамдашсаңыз. Анан бир аз бул жактын шартына көнгүчө. Андан кийин Сизге жүк болбойм.

- Андан кам жебе. Сен мага жардам берсең, мен да сенден колдон келген жакшылыгымды аябайм.

- Сатып кетпейсизби?

- Жок. Менде андай адат жок. Ишенбесең ок тиштеп антташалы.

Шаа Мырзанын талуу жерин билип калган. Жанынан жанагы окту алып чыкты да;

- Ким антты бузуп убадага турбай экинчисин сатса, жамандык кылса ушул октун анты урсун, - деп учун тиштеп туруп Мырзага сунду. Мырза Шаанын айтканын угуза кайталап, анан ичинен күбүрөп бир нерсе окуп дубалады да окту тиштегенден кийин жанына салып койду. Курандын тилинде дуба окуганын Шаа туюп турду. Мырзанын аурасын карап туруп бирөөлөрдүн гана буйругун аткарып жүргөн, өзүнүн дили таза, адамга жаманчылык кылууну ойлой бербеген, куулук-шумдукту көп билбеген, али турмуштун өйдө-ылдыйынан колдон чыгып бузула элек жапжаш жигитти көрүп турду. Ички туюмуна болсо экөөңдүн тагдырыңар ушул боюнча көптөгөн жылдарга байланышкан деген сезим берилип жатты. Ошондуктан Мырзадан тартынбады, келишимиш болуп алдап туруп күч жумшап же өлтүрүүгө аракет кылбасын - деп коркподу.

Мырзанын көздөрүнөн кубанычтын оту жанып, ичинен "Кудай, чын эле жолум ачылдыбы? Ушинтип тирүүлөй түрмөдөн кутуламбы? Эгер бул жигит мага чын эле ак дилден жардам берсе бир тууганы болуштан да жок дебес элем -деп ойлой кетти. Муну кыргызча ойлонду. Ошондуктан Шаа жакшы түшүндү.

Көп жыл сыртта жүргөндүктөн Мырза негизинен англис же араб тилинде ойлонууга көнүп алган. Муну өзү деле сезчү эмес. Эгер жанындагы байланыш түзүп, пикирлешип жаткан адам түшүнүксүз тилде ойлонсо кандайдыр тумандуу, түшүнүксүз чаташкан кабарлар келип, байланышты токтотпосо башы ооруп кетерин Шаа биле баштаган.

Анан дагы өнөгүнүн бардык эле ойлогон оюн кайра өзүнө айтып берип, анын ички оюнан бери билип тураарын ачыкка чыгаруу дайыма жакшылыкка алпарбасын, тескерисинче көп учурда терс жыйынтык берерин да биле баштады. Ошондуктан азыр Мырзанын ойлогондорун жөн гана түшүнүп койду да эч кандай сыр бербеди.

Экөөнүн ортосунда түзүлө калган тынчтыкты Мырза бузду;

- Сиз издеген кыз астыңкы жертөлөдө камалуу экен. Менин экинчи өнөгүм анын жанында.

- Эмесе тездейли. Убакыт тар. Мылтыктын добушунан милиция чакыра салуучулар болобу. Анын үстүнө булар деле көпкө уктап жата беришпейт. Дарынын күчү көп болсо бир, бир жарым саатка чейин гана таасир берет. Өнөгүңдө курал барбы? - деди шашкалактаган Шаа.

- Өнөгүмдө курал жок. Аны мен өзүм эле тынчыта салам - деп Мырза астыңкы жер төлөгө баштап жөнөдү.

ххх

Фаризат эсине жертөлөдө креслодо таңылып турганда келди. Башы катуу ооруп калыптыр. Кейпи, жигиттер дарыны көбүрөөк жыттатып коюшса керек. Алгач эки жагын алактап караган менен эч нерсе түшүнбөдү. Дагы үч орунтуктан бөлөк эч нерсе жок, асты кафелделген бөлмө экен. Терезелери да жок. Бурчта гана аба киргизген винтелятор акырын иштеп туруптур. Демек, жертөлөдө экенин түшүндү.

Тим эле Жан Клод Вандаммды кармашкансып жерге бекем орнотулган темир креслого бекем таңып ташташкандарына караганда булар Фаризаттан өлгүдөй коркушкан немелер болушса керек. Кресло да атайы ушул Фаризат өңдүү туткундарды таңып коюуга атайын орнотулса керек. Үстүнө эч ким кирбеди. Сурак башталбады. "Булар артымдан аңдып жүрүп кармашкан экен. Эми жолдош кызыма да кордук көрсөтүшпөсө экен" - деп ойлоп койду. Жолдош кызынын кол сумкасына тагылган микрофон аркылуу кармалганын түшүнбөдү.

Анын үстүнө буларга "чоң кожоюндан" кармап туруу гана буйрулган. Эч кандай сурак жүргүзүүгө акылары жок болчу. Өз алдыларынча суроо берүүгө катуу тыюу салынган. Ошондуктан булар кармалаары менен жогор жакка, "Тиешелүү адамды кармадык. Азыр биздин колдо" - деп телефон кагышты да өздөрү күтүүгө өтүштү. Ал түгүл Фаризаттын үстүнө киргенден да коркушту. Себеби, жогор жак булар да өздөрүнчө сурак жүргүзүп сырды билип калды деген кабар алса, баары тыптыйпыл болуп калышарын жакшы түшүнүшчү. Ушул кабарды эле күтүп турган "жогор жак" самолөтко астын ала брондолгон билеттерди алышты да Мырза менен италиялыкты учурушту. Мунун баарын жер төлөдө жаткан Фаризат кайдан билмек. Башынын ооруганы басаңдап, ойлонууга жараган сайын "Демек, булар мендеги "Бриллиант жыландын" кайда экенин же баягы Азият каткан дүйнөнүн кайда экенин билгиси келгендер. Ар кимиси телпектеп чуркап келип сурай берсе бирине да жооп бербейин. Керек болсо, жан алгычтын өзүнөн да коркпогон Азият да чоочуп туруучу "чоң кожоюн" гана менин сары изиме чөп салып ушинтип издете алат. Демек, так ошол "чоң кожоюндун" өзүнүн астына бармайын кыйнаса да жооп бербейин. Анын бийлигисиз анан мендеги сырды билишмейин баары бир мени өлтүрө салышпайт" - деп чечти.

"Чоң кожоюнду" Фаризат сүрөтү аркылуу таанычу. Азият менен чогуу түшкөн кара сакал, сүрдүү адамды көргөндө "Бул ким?" деп сураса "Мунун ким экенин сен билбей эле койгонуң жакшы. Менин соодадагы чоң өнөгүм. Керек болсо менден да күчтүү, өтө коркунучтуу адам" деп койгон. Кийинчерээк сөз арасында "чоң кожоюн" мындай тапшырма берди. Тигини аткаргыла деди" дешип дүргүп калганын байкап, баягы сүрөтүн көргөн адам жөнүндө сөз болуп жатканын боолгоп билүүчү.

Азыр эми жертөлөдө жатып "Эгер анын астына барсам балким, өңүмө кызыгып жанымды аман калтыраар. Ал деле эркектир да. Бүт билгенимди айтып берип Азият үчүн кечирим сурасам, жаштык кылыптырмын, Саидге окшогон акмактын азгырыгына кириптирмин десем. Анын үстүнө Азият мага түк көңүл бурбай калган, бул да түрткү болду десем, кечирим берээр" деп ойлогонго үлгүрдү. Ойлонууга убакыт кенен болчу. "Эй, суу бергилечи? Суусадым? Колдорум ооруп кетти" деп кыйкырды эле бир жигит кирип келди да үнсүз колдорун чечип кружка менен суу ичирди. "Ажатканага барам" десе, аркы бурчтагы эшик ажаткана экен, каруусунан жетелей алпарып кийирди да өзү карап турду. "Эшикти жаппайсыңбы?" - десе үнсүз басып келип ичке бир урду да чала өзөрүп калганда этегин көтөрүп туруп ич кийимин шыпырып отургузуп койду. Фаризат булар менен калжаңдашуу болбосун түшүндү. Булар роботтой гана буйрукту так аткаруучулар. Мындайларды Азият менен жүргөндө нечен көрүп жакшы түшүнүп калган.

Турары менен каруусунан кармап жетелеп барып жанагы креслого отургузду да кайра таңып таштады. Бир да сөз сүйлөгөн жок. Ажаткананы жаппай карап турганы, ичинен беките салып өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылабы же өзүмдү-өзүм өлтүрөм деп ар кандай талап коөбу дешип корккондору болчу. Муну да түшүндү. Өз баркынын чоң экенине көзү жеткен сайын жүрөгүндө коркуудан мурда шерденүү көбөйө баштады. Бирге учуп келген Шааны да эстеди. Балким, анын тилин алганда мындайга туш болбойт беле. Ким билсин. Балким, ал деле бирөөнүн жигитидир.

Италиялык жалжактап кирип келгенде эле чет элдик экенин билди. Демек, булар күткөн киши келди деп ойлоду. "Булар суракка алышат. Балким, чын эле "чоң кожоюндун" ишенимдүү адамдары да болушу мүмкүн. Бирок, жооп бербейм. Кожоюндун астына алпаргыла дейм" - деген мурдакы ою кайра да бекемделип, тикиреңдей тосуп алган.

Мырзаны бир карап алып "Бул кайдан жүрөт. Казак же кыргыз го, же түркмөнбү? Жапжаш бала экен. Кейпи, италиялыктын телохранители го" деп ойлоп койду.

Өздөрүнчө калганда италиялык сөздү англисче баштады.

- Экөөбүз ачык сүйлөшөлү. "Чоң кожоюн" мени эң ишенимдүү адамы катары жиберип отурат. Сен көп башты оорутпай берилген суроолорго жооп бер. Антпейт экенсиң күч колдонууга, түрдүү ыкмаларды пайдаланууга аргасыз болом. Кыскасы, бүт билгениңди эркиңе койбой лимонду сыккандай гана сыгып алам. "Мен аял экенмин. Мени аяп коюшат экен" деп ойлобой эле кой. Сен билген сырдын баасы сендей жүз аялдын башын кессе да толбойт. Демек, түшүндүң да. Азияттын аялы болсоң тили сайрабагандар кандайча булбул болоорун көрүп да калгандырсың.

Көздөрүн бир башкача чакчайта тиктеп туруп үнүн сүрдүү чыгара сүйлөдү. Фаризаттын жонунан муздак тер чыгып, муундары калчылдай түштү. Кыйноонун кандай түрлөрү бар экенин да мыкты билүүчү. Бул италиялыгыңдын чындап эле аяй турган түрү көрүнбөйт. Кантсе экен. Башы ката түштү. Убакытты созуш үчүн;

- Мен эртең менентен бери наар ала элекмин. Балким, жок дегенде суу берип коөрсуз? - деди болгон өнөрүн көрсөтө назданып, көздөрүн сүзө.

- Кылыктанып убара болбо. Андан пайда жок. Мен далай жалаптардын кылыгын көргөм. Сенден өңдүүлөрдү да каалаган учурумда төшөгүмдө уйпалап келатам. Сууну да башкасын да мен берген суроолордун толук жообу болгондон кийин көрөсүң - деди, дале сүрдүү.

- Ашыкча кеттиң. Мен сага катардагы жалаптардан эмесмин - деди Фаризат намыстанымыш болуп.

- Ал сенин өз оюң. Меники болсо өз оюм, - деп койду италиялык мыскылдай.

Фаризаттын жүрөгү өрттөнүп ичи күйүп кетти.

Аңгыча эшик ачылып, Мырза сырттагы тополоң жөнүндө кабар айтты. Фаризат ичинен Кудайга жалынып кирди "ушул кан ичерлердин тырмагынан куткара көр" деп.

Италиялык суроо бергенин токтотуп ойлуу ары-бери басып турду да, шарт бурула Фаризаттын маңдайына басып келип ээгинен катуу кармай өйдө көтөрүп туруп:

- Сойку, эгер жаным аман калсын десең Азият наркотоварды кайсыл тоолорго катты эле айт? - деди.

Ээги ооругандан Фаризат кыйкырып жибере сактады. Башын булкуп бошотуп алды да;

- Мен ал сырды айтарым менен башымды кесесиңер. Аны билбегидей мен келесоо белем. Баары бир "чоң кожоюндун" астына бармайын мен силерге эч нерсе айтпайм - деди, мурункусун кайталай. Бирок, бул жолу үнү ишенимсиз чыкты.

Ичинен, "Туура эле болжогон экенмин. Баягы Азият түнү менен тоого каттырган ящиктер жөнүндө сөз болуп жатат. Эгер мен ал кайсыл жер, кайсыл капчыгай экендигин билбесимди айтсам анда булар мени азыр эле тындым кылып туруп бир чуңкурга ыргытышат. Жакшысы айтпайм дей турайын. Кыйнап кирсе кантем" - деп ойлоду. Италиялык жанагыдан да күчөй чакчаңдап:

- Канчык, сенин эркектин бир жеринен башканы ойлоого жарабай бузулуп калган башыңдын эч кимге керек жок. "Башымды кесесиңер" деп акылдуусунуп коөт. Колумдан айлан. Бүт сырды ачык айтсаң төрт-тарабың кыбыла, - деди.

"Булардан аман кутулбай калдым. Акыры ушинтип кордук менен өлмөкмүн. Мага чала" деп ойлоду Фаризат. Тигинин шылдың сөздөрү жүрөгүн тилип-тилип ачыштырып жатты. Кантсе да аялдык кылып кайраты качып, муун-жүүндөрү бошой баштады.

Аңгыча эшик шарт ачылып Мырза менен Шаа ээрчишип кирип келишти. Италиялык:

- Мунуң ким? - деп суроо берип бүткүчө эле сулк кулады. Мырза көз ирмемде колдун кыры менен кекиртекке урган эле. Фаризат Мырзанын кол шилтегенин көрбөй да калды.

Шааны көрөөрү менен "Сизби?" деп бакыра чуркап барып кучагына кулап: "Мени бул жерден тез алып кетиңизчи?" деп жалдырап жиберди. "Мен ошон үчүн келбедимби. Баары жайында болот" - деди Шаа кучагына назик кыса.

Мырза италиялыкты сулкуйта көтөрүп барып Фаризат отурган креслого отургузду да бир паста кычыратып таңып салды.

Фаризат башы менен Мырзаны көрсөтүп "Бул ким? Кандай болуп кетти?" -деди эле Шаа; "Менин жердешим экен. Биз тил табышып, биригип кеттик" -деп койду ишенимдүү түрдө кебелбей. Үчөө жүгүрө эшикке чыгышты да дарбазаны ачып жиберип короодогу "ЖИПтердин" бирине отурушту. Эшик алдында жаткан жигиттин "Макаров" пистолети менен аркы экөөнүн жанындагы ок салган магазиндерин алып жаткан Мырзаны көрүп Шаа унчукпады. Балким, кереги тиер деп койду.

Шаа бир нерсени эстей коюп "Мен азыр" - деп жүгүрүп барып арытан караңгы бурчта жаткан кийимдери салынган сумкасын алып келип машинага секирип түштү. Рулга Фаризат отуруптур. Шаа таң кала бир карап алып:

- Сиз айдайсызбы? - деди кыска.

- Мен бул машинанын сырын жакшы билем - деди да бат эле дарбазанын оозун каратып бура салды. Дарбазадан чыгышаары менен Мырза кайра аны жаба салды. Көчөнүн кууш экенине карабай Фаризат "ЖИПти" эпчилдик менен айдап баратканын көрүп Шаа тынчтанып калды.

- Артыбыздан аңдуучулар болбосун, абайлайлы - деди Шаа. Жүрөгү кандайдыр бир коркунучту сезе калган эле.

- Биздин артыбыздан биз эки көчө өткөндөн кийин бир машина чыкты, -деди Фаризат.

- Биздин сыртыбыздан "кожоюн" кошумча бирөөлөргө аңдытып койгон эле, -деди Мырза "Игрокту" эстей коюп.

- Анда ошолор. Чоң көчөгө чыкпай ушул дачалардын арасынан адаштырып кете алабызбы? - деди Шаа Фаризатты карап. Фаризат үнсүз тар көчөнүн бирине чукул бурулду да, катуу баратып экинчисинен үчүнчүсүнө бурулду. Арттан ээрчиген жарыктын дайны жок болду. "Эми таксилер токтой турган чоң жолго жакындаганда жолго жетпей токтот" - деди да өзү сумкасынан кийимдерин алып чыгып кийине баштады. Аркасындагы кош кылычын, бел боосун кайра сумкага салды. "Бул ниндзянын өнөрүн кайдан үйрөндү экен" деп ойлоп койду Фаризат. Эмнеси болсо да туура желмогуздун оозунан сууруп алгандай болгон Шааны жүрөгү элжирей эзилип карап койду да, "Жалгыз өзү кантип жанагынча баш кесерди кырып салды экен" деп ойлоду. Кийинип бүтүп калган Шаа "Алардын бирин да өлтүргөн жокмун. Жөн гана уктатып койдум. Чынында кырып салса деле Кудай күнөөңдү кечүүчү адамдар экендиги көрүнүп турат" - деп айтып жибере сактап кайра өзүн кармап үн деген жок.

- Чоң жолго жакындап калдык. Эмне кылайын?, - деди Фаризат.

- Машинаны ушул жерге таштайлы да мындан ары такси кармайлы. Мындай белгилүү машина менен алыс узабайбыз - деди Шаа. "Жипти" караңгы бурчка ташташты да үчөө биринчи эле кезиккен таксиге отурушту. Астыга Мырзаны отургузду да Шаа өзү Фаризат менен артына отуруп;

- Азыр түз дос кызыңдын үйүнө айдайт. Ал жерден мен кирип аларды түнү менен бул шаардан качкыла же дарегиңерди которгула - дейин, болбосо, сени издегендер аларды барымтага алып бекер бейкүнөө кыйнап коюулары мүмкүн, - деп орусча шыбырай түшүндүрдү да "Булар эмне жашыруун сүйлөшүп баратат" деп ойлой баштаган Мырзага ишти кыргызча түшүндүрдү.

Шаа кирип келгенде Фаризаттын дос кызынын көзү алая түштү. Өздөрү деле коркуп отурушкан экен. Анткени, Фаризатты кармап кеткенин көрүп калышыптыр. Анын үстүнө бир жигит келип тигинин кол сумкасындагы микрофонду, үйдүн ар жерине коюлган, телефонго коюлган микрофондорду ачык эле чыгарып кетиптир да "Эгер досуң колго түшпөсө башыңдан айрылмаксың" деп коркутуп кетиптир.

Шаа кыскача түшүндүрүп, бул шаардан тез качып кеткиле. Азыртадан калбай дарегиңерди которгула дегенде ашык суроо беришпестен макул болушту. Болгону "магазинди эмне кылабыз?" деди эле "Фаризат магазинге карашпасын. Өмүр табылбайт" деди дегенди укканда култуңдап кубанып кетишти.

Шаа кайра бат эле чыкканынан Фаризат, - "Эмне, үйлөрүндө жок бекен?" -деди чоочуй.

- Жок, бар экен. Өздөрү деле качсакпы деп отурушкан экен. Көпкө түшүндүрбөдүм, - деп микрофон окуясын айтып берди эле. Фаризат өз чекесин бир муштай;

- Кантип мени кармап калышты дейм да. Көрсө... ушу микрофон коюшарын ойлобопмун да деп өкүнүп койду.

ххх

"Игрок" артынан акмалап ээрчиген Мырза менен италиялык дачадагы үйгө кирээри менен бир "Джип" кайра чыгып кайдадыр кетти. Көп өтпөй "Мерседес" келип кирип кетти. "Бул жерде чоң иш жаткан экен. Кандай эле кожоюн акчаны тутамдап карматты" десе деп ойлоп койду да кайра шаарга келип "жекече детективдердин" толук бир бригадасын жалдады.

Италиялык менен Мырзанын сүрөтүн көрсөтүп "Ушул экөө кайда барса да артынан калбайсыңар. Мага улам эмне иш кылгандарын кабарлап турасыңар" деген тапшырма берип, каражатты жашыл акча менен алдын ала ыргытып койду эле, тигилер тамандарынан чаң чыга жүгүрүп калышты. Өзү болсо мыкты мейманканадан орун алып чалкалай жатып эс алууга кирди.

Түн ортосуна чукул "Үйдө атышуу болду. Эки жолу автоматтын, бир жолу "Макаров" пистолетинин үнү чыкты" деген кабар алды. Көп өтпөй Мырза "Жип" менен бир жакка жөнөдү. Рулда аял, жанында ниндзяларча кийинген, артына кош кылыч байланган бирөө бар дегенди укканда ордунан секирип кетти. "Кайдагы ниндзя? Эмне үчүн Мырза италиялыкты таштап кетип баратат? Кайдагы аял чыга калды? Мырзанын милдети италиялыктын жанынан жарым метр алыс чыкпашы керек экенин билчү. Бул жерде сыр бар деди да "Алардын артынан калбагыла. Көзүңөрдү чоң ачкыла" - деген буйрук берди. Тигилер түнкү дүрбүлөр менен карап отургандыктан бүт көрүп турушкан.

Он беш минута өтпөй, "Алар бизди байкап калышса керек. Адашып калдык. Дачалардын арасындагы тар көчөлөрдө машинанын артынан кууш кыйын экен" дегенди укканда чачын жула өкүрдү. "Акмактар. Мен силерге эмнеге төлөп жатам. Бул эмне кылганыңар? Жер түбүнө түшсө да тапкыла" деп. Айласы кете тигилердин кожоюнуна чыкты эле "Москвада биздин жайган тордон эч ким кутулбайт. Аларды бат эле табабыз" деп жайгарып койду. Чын эле жарым саат өтпөй бош калган "Жипти" табышты. Үчөө дайынсыз болуптур.

Абалды түшүндүрүп "чоң кожоюнга" телефон какса ал тим эле өкүрүп жиберди "Эмне деп дөөрүп жатасың?" деп. Мынчалык ачууланышын биринчи көрүшү. "Тоо кулады" десе кебелбейт деп ойлочу. "Мырзаны жок кыл. Италиялыктын абалын бил. Эгер тирүү болсо жок кыл. Жанагы аялды кайдан болсо да таап, ишенимдүү жерге кат. Мен башка киши жиберем. Эгер буйрук аткарылбаса менден жакшылык күтпө" - деди телефондон зиркилдей.

- Каражат жагын кантем? - деди эле.

- Эртең ири суммадагы каражат колуңа тиет, - деп койду. Жанагы дачанын ээси күрсүйгөн чочкону да түндөн калтырбай жок кыл. Анын көзүн май басты, - деди. "Игроктун" муундары калчылдап чыкты. Биз минтип сүйлөшкөн жок элек го" дейин деп бирок, батынбады.

Буйрукту алары менен жанагы дачага өзү жөнөдү. Дарбазанын бир киши кире турган эшиги ачык экен. Ичкериге баш бакса тыптынч. Эшик алдында сулкуюп жаткандарды көрүп "түшүнүктүү" деп койду да үй ичине кирди. Үй ээси күшүлдөп-бышылдап уктап атыптыр. Ошондо, ниндзянын кылыгын даана түшүндү да, дагы адатынча "абдан түшүнүктүү" деп коюп башына глушитель тагылган пистолетти жанынан сууруп чыгып тигинин чекесине такап туруп басып алды эле кежигесинен мээси чачырап кетти. Ылдам жүгүрүп жертөлөгө түштү. Ал тараптан дабыш угулган эле. Эшиги ачык жертөлөдөн италиялыктын креслого байланып турганын көрдү. Эсине келген неме бошонууга аракеттенип жаткан экен. Беркини көрүп көзү алайып кетти.

- Сен кимсиң? - деди киркирей.

"Игрок" үнсүз басып келди да пистолетти чекесине такаганда;

- Кожоюн менен бир сүйлөштүр. Менин айта турган сөзүм бар, - деп жалдырап жиберди. "Игрок" эч камырабай туруп машаны басканда тигинин башы шылк дей түштү.

"Игрокко" сүйлөштүргөндүгү үчүн эмес жок кылганы үчүн акча төлөнөт. Муну италиялык түшүнсө да жандалбастаганы эле.

Бул жердеги иш мынчалык оңой бүтөт деп ойлогон эмес. Жеңилдене дем алды да кандай келсе ошондой жок болду.

Кожоюнга байланышып, күрсүйгөн чочко менен италиялыкты жок кылганын айтты да буга чейинки сүйлөшүлгөн акы үч эсеге көбөйөрүн айтып, сооданын четин чыгарды. Себеби, экөөнү гана аңдыш керек болсо бул жерде иш чачтан көбөйдү, - деди. Кожоюн "үч эсе эмес беш эсе көбөйтөм. Мырзаны жок кыл да жанагы шуркуяны колума тирүү тийгиз" - деди.

"Каражатты аяба" дегенди уккандан кийин дагы төрт группа жеке детективтерди жалдады. Москваны бешке бөлдү да Мырзанын сүрөтүн колдоруна берип "жер түбүнө түшсө да тапкыла" - деди. Фаризаттын болжолдуу элесин айтты. Ал эми "ниндзяны" сүрөттөөгө мүмкүн эмес эле. Көчөдө ал ошондой форма менен жүрбөйт да.

Ушул эле маалда "чоң кожоюн" дагы өзүнчө башкаларга буйрук берди. Күрсүгүйдүн ордун ээлесем деп көзү өтүп жүргөн бирөө бар эле. Андай орун басарларды атайлап даярдап коюучу. Түз ошого чыкты. "Дачага барып баарын тазала. Чуу чыкпасын. Жигиттер сага иштесин. Каршы болгонун жок кыл. Фаризаттын изине түш. Шаардан чыгарбай карма. Сөзсүз тирүү кармагыла. Бир тал чачы да түшпөгөндөй болсун. Тоскоол кылгандарды бүт жок кылгыла. Силерден башкалар да издөөдө. Беттешип калып бири-бириңерди зыянга учуратпагыла. Сак болгула. Фаризаттын дос кызы бар, - деди эле. Аны кармап барымтага алгыла. Кыскасы, бүт мүмкүнчүлүктү колдонгула. Фаризат менен Мырзанын сүрөтүн токтоосуз көбөйтүп бардык тыңчыларга тараткыла. Эң башкысы шашылыш шаардан чыгуучу бардык жолдорду тостургула. Эгер алар шаардан чыгып кетишсе Россия кенен, дайынсыз болушат" - деген буйрук берди.

Ошентип үчөөнү беш жүздөн ашык тыңчы шимшип, издөөгө өтүштү.

ххх

Шаанын башын катырган "Кайда барып жашынсак?" деген суроо болду. Жатаканасына баары барууга болбойт. Эшик тоскондор мындай беймаал учурда келген немелерди даана эстерине тутуп калышат. Саат түнкү төрт болгон экен. Демек, бир гана жол бар. Жетекчиси шаардын ортосундагы төрт бөлмөлүү чоң үйүнүн ачкычын калтырып "гүлдөргө суу куюп, карап коюп тур" - деп суранган. Азыр ошол квартирага баргандан башка жол жок. Мейманкана, жеке квартирага берилчү үйлөр толо. Бирок, аларды тигил куугунчулар бүт текшерип чыгышаары белгилүү.

Таксиден эки кварталча мурда түшүп калышты да үйгө жөө барышты. Түнкү саат төрттө эки эркек, бир кыздан турган үч азият түшкөн таксини оңой эле таап алуулары мүмкүн эле.

Корккону үйдүн ээлери келип калбаган болсо экен деп ойлогон. Бактыга жараша келише элек экен. Үйгө киришери менен үчөө тең аябай чарчашканын билишти.

- Азыр тынч жатып эс алалы да калган ишти эртең эрте менен ойгонуп алып шашпай сүйлөшөлү - деди Шаа.

Жоокерлик адатына салып Мырза залдагы диванга чалкасынан түштү да "Мен уйкуга кеттим" деп койду.

Шаа бир сыйра жуунуп алып жатуучу бөлмөлөрдүн бирин тандады. Фаризат да шашпай жуунуп чыкты да отуруп алып муздаткычтагы колбаса, сырдан алып чыгып шашпай чай ичти. Болбосо, өзөгү үзө тартып турган. Дээрлик бир күн тамак көрбөй калбадыбы. Анан жатуучу бөлмө издеп баш бакса Шаа кенен диванда чалкасынан түшүп белине чейин ачык мемиреп уктап жатыптыр. Акырын басып келди да колунун, көкүрөгүнүн булчуңдары бөлөк-бөлөк болуп турган денесине суктана карап дивандын четине отура кетти. Каштары капкара болуп, ортосу кошулган кырдач мурун, эриндери бир аз калбыгыйраак, өңү каратору келген жүзүнө тигиле "сулуу жигит экен" деп ойлоп, бүгүнкү кылган жакшылыгын эстегенде ичи элжиреп акырын эңкейип эриндеринен өөп койду. Денеси дүүлүгө чыдамы кетип, өзүн карманалбай канча ордунан туруп басып кетейин десе да козголо албады. Качантан бери эркек кумарына бата элек. Эңсеп калган экен. Дагы эңкейип өбөйүн деп келатканда Шаа ойгонуп кетти. Көздөрүн ирмегилеп тиктеп койду да белинен имере өзүнө тартты. Экөө көпкө соруша өбүшүштү. Анан бир маалда экөө тең шашыла чечинип киришти. Алкымынан, эриндеринен, көкүрөгүнөн аймалай жыттаган Шаа Фаризаттын назик денесине эрип, ал да өзүн жогото бүт эргүүсү менен аял кумарына берилип кеткенин билбей калды. "А-а, акырын" - деп шыбырай онтоду Фаризат. Эки дене жуурулушуп бирде булут аралап учуп, бирде көл толкунунда толкуп, махабат жыргалында эзилип жатышты. Экөөнүн эзилишүүсү узакка созулуп кетти. Шаа бир бүтүп эле кайра баштайт. Фаризат улам жарпы жазыла төгүлөт. Мынчалык эркек жыргалына батпаганына канча болду эле. Эсинде да жок, балким, биринчи жолу ушундай эркекке кошулуу рахатынын өзгөчө Шаа гана жеткире ала турган түрүнө кезигип жаткандыр. Чындыгында ошондой болчу. Кытайдын "Дао сүйүүсүнүн" бүт ыкмаларын мыкты өздөштүргөн Шаа болгон чеберчилигин көрсөтүп, ар бир колу менен сыйпалаган жерлеринде сезимди эргитүүчү түйүндөрдү басып, ар бир кыймылын өзгөчөлөнтүп жасап жаткан. Өзүнүн бүт эс-акылын жоготуп махабат рахатына сүңгүп кирген Фаризат да балкып ойноп берди.

Экөө кичинеге сулк жатып калып эстерине келишти да анан "Эмне болуп кеттик?" дегенсип бири-бирин жылмая карап аяр өбүшүп коюшту.

Кумар кануунун туу чокусуна жеткен Фаризат күтүүсүздөн ыйлап жиберди. Шаа чоочуй "Эмне болду?" - деди ордунан козголуп, өзүнө имере тартып кучактай. Берки жигиттин көкүрөгүнө башын коө "Эч нерсе деле болгон жок. Сага ырахмат. Мени тим койчу. Кичине бугумду чыгарып ыйлап алайынчы" - деди болкулдап. "Мейлиң. Ыйласаң ыйлап ал. Кичине көкүрөгүң жеңилдеп калат" - деди Шаа, анын эркине коюп. Фаризат көпкө болоктоп ыйлады. Улам өзүнүн ар жерин чымчып-чымчып коөт. Бул өзүн-өзү жазалап атканы эле. Басылгандан кийин туруп барып жуунуп келди. Анан экөө үнсүз кучакташкан боюнча уйкуга кетишти.

Шаа ойгонгондо убакыт түшкү он эки болуп калган экен. Тырп этпей тынч уктаганга кадимкидей уйкусу канып калыптыр. Жанындагы Фаризат болсо мемиреп уктап жатыптыр. Аны ойготуп албайын деп акырын туруп бөлмөдөн чыкса Мырза туруп жуунуп жүрүптүр.

- Жакшы эс алдыңызбы? - деп жылмайып күлүп койду.

- Ырахмат. Жакшы эле - деп Фаризат экөөнүн мамилесине уялыңкырап жуунганы ваннага кирди. Аркасынан Мырза;

- Чай коөюнбу, байке? - деди үнүн пас чыгара. Ал да Фаризаттын уктап жатканын байкаган.

- О-оба - деп койду Шаа кыска. "Байке" деген сөздү укканга эмнегедир толкундана түштү. Канчадан бери мындай кайрылууну уга элек.

Экөө отуруп шашпай колбаса, сыр, консерва менен чай ичишти. Шаа ар бирине бештен жумуртка да куура салды. Тамак ортосунда Мырзанын кыскача өмүр таржымалын укту. Жаш туруп башынан далайды өткөзгөн тура деп ичинен боору ооруп отурду.

Мырзанын кошуп сүйлөбөгөн чынчыл мүнөзү жагып калды. Эгер бир ооз калп сөз кошсо Шаа туюму менен билип коймок.

Анан экөө отуруп алып мындан ары эмне кылышты акылдашышты. Үчөө чогуу көчөдө жүрүүгө такыр болбойт. Бөлүнүп, бир бирден шаардан чыгып кетели десе Мырзанын документи жок. Колундагысы менен алыс узабасы түшүнүктүү. Бул үйгө да турууга мүмкүн эмес. Эртең үй ээлери келишет. Жетекчисинин жекшемби күндөн шаршембиге чейин окуу жайда лекциясы бар. Анан кайра төрт күн дачасына кемпири экөө кетип калышат. Булар ашык түйшүктү жактырбаган чыныгы москвалыктар. Ээн турган төрт бөлмө үйгө бул үчөөнү эмес Шаанын өзүн жалгыз жашоого да уруксат беришчү эмес. Кемпир-чалдын көздөрүнө көрүнбөй жылт койгондору оң.

Мырзаны убактылуу Шаанын жатаканасына жашынта турууну туура табышты. Фаризатты болсо эптеп шаардан чыгарып жибериш керек.

Азыр Мырзага документ издөөгө болбойт. Жалган документ жасоочуларга бүт эскертилген болуш керек. Кыскасы, шаардан бир бирден чыгып кетүүнү туура табышты.

Аңгыча Фаризат да ойгонуп чыга келди. Тим эле өңүнө чыгып кулпуруп калган экен.

- Ой жигиттер, менсиз эле тамактанып жатасыңарбы? - деп күлмүңдөп койду эле берки экөө сулуулугуна суктана ооздору ачылды.

Фаризат тамактангыча кайра акылдашышты.

- Мен буларды аздыр-көптүр билем. Буларда каражат деген кенен. Бизди издетүүгө бери дегенде миңдей тыңчыны жалдай алат - деди Фаризат.

- Кожоюндун сыры мага да белгилүү. Бизди таппаса далайдын канын ичет -деди Мырза жөн салды гана.

Эмнегедир ойго чөгө түшкөн Шаа туруп залга барды да малдаш токуна отуруп алып, транска түшүп бир топко кыймылсыз отурду. Беркилер тоскоол болушкан жок. Транстан чыккандан кийин Шаа маанайы чөгүңкү:

- Достор, ишибиз чындыгында эле оор. Кара күч улам жакындап кысып келатат. Бизди курчаган кара күчтөн чыгып кетүүгө бир гана ичке шоола болгон жол бар экен, эгер ошону таба алсак. Биз оңой жоого туш келбептирбиз - деди.

Берки экөө үнсүз шалдырай отуруп калышты эле кайра өзү сөз баштап:

- Урушта туруш жок. Кой, кыймылдайлы, - деди.

Шаа Мырзаны жатаканасына жайгаштырып келгиче Фаризат күтүп отуруп турду.

- Тынч эле жеткизип келдиңби? - деди мойнуна асылып кучактай өөп. Шаа да кучактап өөп койду да;

- Баары жайында, менин жатаканам бул жерге жакын, ошондуктан жөө эле барып келдим, - деди.

- Эми биз кандай кылабыз? - деди Фаризат Шаага ыктай көздөрүнө тигиле карап.

Шаа үнсүз кичинеге ойлонуп турду да;

- Фаризат, мен сага бир нерсе айтайын, сен болгону туура кабыл ал да мени түшүнүүгө аракеттен. Эгер мени туура кабылдасаң мен үчүн да, сен үчүн да ишибизди жолго койгонго жакшы болот. Эгер түшүнбөй туура эмес кабыл алсаң анда иш жаман жагына айланып кетет. Азыр биз кылдын эле үстүндө турабыз. Кылт этсек жок болобуз. Мени түшүнүүгө аракеттенесиңби? - деди Фаризатты жалооруй карап. Фаризат сестейе түштү. Далай алдоолордон жүрөгү өлүп бүткөн неме "Дагы эмнени баштаган жатат. Бул деле мендеги катылган сырга кызыккандардын бири го. Азыр чыныгы жүзүн ачканы турабы?" - деп ойлоду. Муну Шаа түшүнсө да үн дебей Фаризаттын жообун күттү. Кичинеге үнсүз турду да:

- Айта бер, түшүнүүгө аракеттенейин - деди көңүлсүз. Шаа токтоосуз сөз баштады;

- Фаризат ишенсең койсоң өзүң бил. Менин боло турган окуялардын болжолдуу багытын астын ала сезген касиетим бар. Так, толук эмес. Болжолдуу багыттын мага келген белгилери боюнча сенин башыңда ажалдын тузагы айланып турат. Сени ошондон чыгарып кетүүнүн жолун таппай кыйналып жатам. Ошондуктан сен менин тилимден чыкпай, айтканымды так аткарууңду сурайт элем. Эгер дагы бир эле жолу өткөндөгүдөй мага ишенбей өз алдыңча кадам жасасаң мен эч жардам бере албай калышым мүмкүн. Болгону мени туура түшүнүшүңдү гана сурайм - деди.

Өзү күткөндөн таптакыр бөлөк кепти укканда Фаризаттын тим эле кубангандан көздөрү жайнап кетти. Аз эле жерден секирип-секирип Шаанын мойнуна асыла өпкүлөп жибере сактады. Өзүн кармап:

- Мен деле сенде ошондой касиет бар экенин сезип калдым. Кантип сага тоскоол болоюн. Бардык айтканыңа көнөм. Деги менин ишенимимди өлтүрбөй аздектесең болду. Эгер сен мага ак дилден мамиле жасасаң мен сен үчүн жанымды кыйышка даярмын. Бул Кудай астындагы чын сөзүм. Мени далайлар алдашкан. Жүрөгүм нечен калды. Адам аттууга ишенбей сезимим өлдү. Ошондуктан, сага кээде ишенбей кеткеним да ошондон, - деди көздөн жашын кылгырта. Муну чын жүрөктөн айтты.

- Мага ишенем дегениңе ырахмат, - деди да Шаа өзүнө имере тарта өөп койду.

- Эми менин планым мындай,- деп кеп баштады. - Сени азыр такси менен Москвадан жок эле дегенде 200-300 км. алыс турган бир шаарга алып барам да ошол жерден Алматыга поездге салып жиберем. Ансыз азыр бүт вокзалдар, аэропорттор тосууда. Бизди издеп жүрүшөт. Менин сезишимче такси менен гана чыгып кетүүчү жол бар. Сен Алматыга жетериң менен менин жатаканамдын дарегине телеграмма урасың. "Аман жеттим. Баары жайында К.А." деген гана. Анан биз артыңдан мүмкүнчүлүккө жараша чыгып барууга аракеттенебиз. Биз шаардан аман чыккандан кийин башкы почтого сенин атыңа телеграмма жөнөтөм. "Чыктык" деген, ошондон соң мени дайыма түшкү саат он экиден бирге чейин "Алмата" мейманканасынын эшик алдынан акмала. Мен колума жалаң ак гүл алып барам. Өзүң мейманканага жакын барба. Алыстан акмала. Эгер дагы үч жума аралыгында бара албасак башкы почтага барып сенин атыңа түшкөн телеграмма сура. Мен иштин жайын кыскача билдирүүгө аракеттенем. Жолдо таксисттин көзүнчө мунун баарын сүйлөшүүгө болбойт, - деди. Түшүндүңбү дегенсип тиктей.

Шаанын чын дилден көргөн камына Фаризаттын ичи эзилип кетти. Өзү деле канткенде бул шаардан чыгып кетсем дегенде эки көзү төрт болуп турган. Анын үстүнө өзү да Алматыны ойлогон. Шаа экөөнүн ою бир жерден чыгып отурат.

- Макул. Ошентсең ошент. Бир гана суранычым мен жаткан мейманканага барып буюмдарымды алышым керек.

Шаа көздөрүн жума кичинеге үнсүз турду да:

- Болбойт, мейманкана катуу кайтарууда экен, - деди.

- Менин бүт акчам мейманканада катылуу. Каражатсыз кантем? - деди Фаризат айласы кеткендей.

Шаа дагы үнсүз ойлонуп туруп:

- Мен кирип чыгам - деди. Анткени, каражаттын өзү да кысыла баштаган. "Жок. Аны ташта. Башыңдан акча кымбатпы?" дей алган жок.

- Биздин швейцар баарыбызды өңдөн тааныйт. Чоочундарды кийирбейт. Мейманкана чакан, болгону үч кабат, 60 эле орундуу - деди.

- Арга жок бир күнгө орун алышка туура келет да, - деп койду Шаа ийнин күйшөй. Шаанын табышкерлигине Фаризат таңдана түштү.

- Мен даярданайынбы? Качан чыгабыз? - деди Фаризат.

- Кеч күүгүмдө чыгалы. Түнү менен жол жүрөбүз, ага чейин эс алып алсак да болот - деди Шаа.

Кантсе да санаасы тына түшкөн Фаризат кечке чейин эс алып алалы дегенди укканда тим эле кудуңдай түштү. Кандай шылтоо таап Шаа менен махабат жыргалына батсам деп эбин келтире албай тарткынчыктап турган. Бат эле Шааны ушунчалык башын жоготуп жакшы көрүп калганына өзү да таң калып коөт.

Күүгүм кире эшикке чыгышса жамгыр себелеп туруптур. Баштарына саллофан пакет тосуп алышып Фаризатты бурчка тургузуп коюп, Шаа барып такси кармап келди. Экөө чогуу барышпады. Тандап жүрүп жылдызы түшкөнүн кармады. Караса, казак же башкыр көрүнөт.

Фаризат отурганда кылчайып бир карап койду да;

- Карактарым, сиздер казак эмессиздерби? - деди казакча.

- Казакпыз гой. Жердеш чыгып калдык гой аке, - деди Шаа да казакча.

- Туура, осундай болуп калды. Энди мен бул Москөөдө көп жыл жасап казакшаны да толык билмеймин, - деп койду, кайра күнөөлүүчө.

- Шондо турган кеп жок гой, - деп барып калганын орусчалай, - Биз деле казакча сайрап жибербейбиз, - деди эле таксист каткырып күлүп калды. Кичине жүрүшкөндөн кийин:

- Осу күндүзү бирөөлөр келип, карагыма оксос сүрөт көргөзүп, "көрсөңүздөр кабарлагыла, чоң сыйлыгы болот" деп таксисттерди бүт кыдырып кетисти гой - деди Фаризатты көрсөтө. Экөө бири-бирин үнсүз тиктешип коюшту.

- Аке, сизге ишенебиз. Оозуңуздан сөз чыкпас деп сизди албадымбы, -деди Шаа орусчалай.

- Акесинин оозун урайын. Осуларыңа айгак болмок белем. Жердестерди сатмай жок гой, - деп койду таксист.

Фаризаттын мейманканасында Шаа жарым саатча кармалды. Фаризат акча салган бел боону дивандын астына скоч менен бекитип катып койгон экен. Шаа коңшу бөлмөдөн орун алды. Балкон аркылуу кирип өз сумкасына тигинин кийимдерин, акчасын салып чыкты. Фаризат алысыраакта таксиде күтүп отурду. Эшиги менен кирсе деле болмок. Ачкычы бар болчу. Жүрөгү бир нерсе сезип эшикке жолободу. Ичкери киргенде абайлап караса ички бетине микрофон орнотулган экен. Эшик ачылаары менен белги берилмек экен.

Жолду карата Шаанын ийнине башын жөлөгөн Фаризат;

- Сен баргыча мен кантип чыдайм. Сагынып, кусалыктан өлүп кетем го. Кетким келбей атат. Өлсөм деле сенин жаныңда жүрсөм болот эле, - деп наалып барды. Таксистти күттүрүп коюп чакан вокзалдан Фаризатты Алмата поездине салып жөнөттү. Кетеринде вагонго Фаризат ыйлап атып араң отурду. Жанагы бел боого тизиле салынган жалаң жүз долларлык пачкалардан экөөнү гана сууруп алып өзүнө калтырды да калганын бүт Шаага кармата берди. "Албайм, өзүңдө жүрсүн" десе да болбоду. Бул аябай ишенерин, күтөрүн билгизгиси келгени эле.

Поезд ордунан козголуп, Фаризат жөнөп кеткенде Шаанын да жүрөгү тызылдап аябай жакын, кымбат адамынан айрылгансып умсуна түштү. Тим эле аркасынан кошо кеткиси келип кетти.

Таксист кайра түз жол менен келди. Баратканда посттордон качып, улам кичинекей бурулуш жолдорго салып барган. Жолдо карата улам Фаризатты ойлоп келатты. Аман жетсе экен деп коөт. Өзүндөгү туюмга караганда аман жетет. Поездге салып атканда караса аурасын бузган кара көлөкө жок болуп калганын көрдү.

Эми Мырзаны алып чыгуу керек - деп койду ичинен. Мырзаны артка тарткан бир иш бар. Ал эмне экенине түшүнүгү жетпеди. Эгер үчөө чогуу чыкканда Фаризат менен Мырзанын тарткылыгы биригип оор болуп кетип, жолдору болбой калышы толук мүмкүн болчу. Ошондуктан Фаризатты аман алып чыксам экен деп теңирге, колдоочуларына миң мертебе жалынып атып жалгыз куткарды.

Шаа жатаканага жакындаганда жүрөгү ылдам согуп, бардык иш жайында эмес экенинен кабар берди. Эшик алдында өзүн бирөөлөр жаман ниет менен күтүп тургандай болуп кетти. "Деги, Мырза аман болсо экен" деп ойлой шашыла басты. Таксист менен эки кварталча алысыраак ээн жерден эсептешип, коө берип жиберген. Коштошуп жатып "Биз жөнүндө жан кишиге оозуңуздан чыгарбаңыз. Болбосо, өз шоруңузга өзүңүз каласыз" - деп эскертти. "Кам жебе карагым. Мен жас бала эмесмин гой. Баарын түсүнөм. Осул сендер бергенди деле Кудай кут кылсын" - деди уучу толо түшкөн долларга чекеси тердей, ишенер ишенбесин билбей.

Фойеде экөө вахтерша кемпир менен сүйлөшүп туруптур. Аларды көрүп Шаа жанынан айнеги калың көз айнегин алып чыгып тагынып алды. Бул жөн гана калың айнектен жасалган очки болчу. Сыртынан караганда көрүүсү өтө начар немедей көрсөтүп коөр эле.

Шааны көрө койгон вахтер кемпир нааразы боло;

- Кечээтен бери үч-төрт жолу келип паспорт текшеришти. Шурик, буларга документиңди көрсөтүп койчу. Өзгөчө азияттарга уйгактай жабышып жатышат. Ушу да жашообу. Демократияңдын... Улут-улутка бөлүнбөй эле баарыбыз Советтик гражданин болуп тынч жашоочу элек, - деп таза орусчасынан сөгүнүп койду. - Шааны көрсөтө: Бул биздин Шурик, студент кезинен эле бизде жашайт. Азыр аспирант. Окумуштуу - деп тааныштыра кетти. Төрт көз Шаага тигилер кербездене карап коюшту да колдоруна документин алып чала-була карап, кайра бере салышты.

- Силер өзүңүздөр ким болосуздар? Эмнеге текшерип жатасыздар? Документиңерди көрсөткүлөчү? - деди Шаа жөн эле кычыктанып.

- Эй төрт көз. Жолуңа түшчү. Болбосо, азыр берки айнек көзүңдү аркынысына кийире урам - деди өзүн тим эле ченде жок эр сезип турган бири.

- Шурик, булар менен акыйлашып эмне кыласың. Органда иштейм дегендерге сурак жок калбадыбы. Мага да кимдер экенин айтышпайт. Сурасаң ороңдошот. Э-э ушуларыңды... деп туруп адатынча дагы сөгүнүп-сөгүнүп алды. Бул вахтерша кемпир өтө сөгүнчөөк болгону менен аябай көңүлү жумшак неме болчу. Шаа майрам сайын кичине болсо да белек берип анда-санда үйдөн келди деп тамак-аш берип койгондуктан Шааны тим эле өз баласындай жакшы көрчү.

Тигилер кемпирдин сөгүнгөнүнө күлө, чыгып кетишти.

Бөлмөдө Мырза санааркап отурган экен. Шааны көрүп кубанып кетти.

- Салып ийдиңизби? - деди Шаанын жүзүнөн эле иш жайында экенин байкап.

- О-оба. Жөнөп кетти. Эми аман Алматыга жетип алса андан ары оңой менен таптырбайт эле, - деп креслого отурду. Экөө кичине тиктеше түшүштү.

- Менин курсагым ачты. Бир нерсе шам-шум этсек болот эле, - деди Шаа.

- Ачка болуп келет го деп майлуу эт менен күрүч басып койгом. Сиздин муздаткычта бүт бар тура. Бир ай бекинип алып жашай берсе болчудай, -деди Мырза жылмая.

Экөө тамак ичип жатканда Мырза божурап баштан өткөн окуяларын кыргызча айтып отурду. Улам "Кыргызча туура эле сүйлөп жатамбы?" - деп коөт.

- Туура эле сүйлөп жатасың. Болгону англис акценти бар. Анан да сөздөрдүн баш-аягын айрым учурда алмаштырып жиберет экенсиң. Эч нерсе эмес. Бат эле кайра үйрөнүп кетесиң, - деди Шаа чын дилден.

- Мен таптакыр унутуп калдымбы? - деп коркчумун. Дагы шүгүр, - деп койду Мырза.

- Орус тилин таптак, акценти жок сүйлөйт экенсиң. Муну кайдан үйрөнгөнсүң?

- Инструкторубуз орус аял эле. Өзгөчө катуу таш боор неме болчу. Кичине жаңылсаң жаза алмай. Анан көрөйүн так сүйлөбөгөндү. Күнү-түнү орус тилинин эрежелерин жаттадык го. Бизге орус, англис, араб тилин өзгөчө катуу окутушту. Мен өзүм ойлойм ушул үч тилде тең так сүйлөйм - деп. Кейпи, мени дүйнөлүк террористтикке же киллерликке даярдашты окшойт, - деп ийнин күйшөп койду да, - Эмнеси болсо да бактыма сиз жолуктуңуз. Ошолордон кутулганыма сүйүнүп отурам - деди бажырайа. Шаа "Али толук кутула элексиң" дейин деп кайра кубанычын бузгусу келбеди.

Тамактанып бүтүшкөндөн кийин таксисттердин бардыгына Фаризат менен Мырзанын сүрөттөрү көрсөтүлүп, "көрөөрүңөр менен кабарлагыла. Чоң сыйлык аласыңар" деп байге коюлганын айтты эле Мырза ойлуу отуруп калды. Анан "Игрок" жөнүндөгү "Жырткычтын" айткандарын бүт айтып берди да;

- Бизде бир гана жол бар, "Игрок" бизге жеткиче күтүп отура бербей биз "Игрокко" жетип жок кылышыбыз керек. Болбосо, ал бизди өмүр бою тынч койбойт. Ал тынчыйын деген күндө да кожоюн тынчытпайт. Кантсе да көп каражат жумшап койду. Ар бир жумшалган каражаттын жыйынтыгы болуш керек да. Сиз мага эптеп "Игрок" жаткан уяны билип берсеңиз калган жумушту өзүм бүтүрөм. Ал азыр мага кол салат деп түк ойлобойт. Кайсыл бир мейманканага жатып алып телефон менен баарын башкарып коюп, сойкулар менен чардап же адатынча бильярд ойноп жатса керек. Анын башын жулуш тооктукунан да оңой, - деди Мырза кыжырлуу. Бул бүт бойдон "Жырткычтын" үйрөткөн сабагы болчу.

Шаа болсо Мырзанын жапжаш туруп терең ойлогонуна оозу ачыла, таң кала түштү.

- Эгер биз башчысыынан айырсак башкалар алдастай түшүшөт. Италиялык менен күрсүгүйдү кожоюн эмгиче жок кылдырды болуш керек. Мындай чоң жаңылууну ал кечирбейт. Ошентип, эң башкы душман бизде "Игрок" гана. "Игрок" жок болсо калган башчылар коркуп кетишет да же качышат же жашынып өз жандарын коргоого өтүшөт. Кыскасы, "эт эмес табагыңды таап ал" болушат. Так ошондо биз шаардан чыгып кете алабыз. Ансыз өтө коркунучтуу болот, - деди Мырза ишенимдүү.

Шаа кошумча эч нерсе айтпады. Баары туура болчу.

- Менин оюмча "Игрогуңду" табыш кыйынга деле турбаса керек. Мен ишке киришейин деп кийим которуп кийине баштады. Мырза "Игрокту" сүрөттөп, колунун үстүн тырмаган адатынан бери айтып берди.

Чын эле "Игрокту" табыш кыйынга турбады. Экинчи күнү эле жаткан мейманканасын, номеринен бери билди. Чын эле эртеден кечке бильярд ойноп эрмектейт экен. Өздөрүн издеп жүргөн жеке детективдердин биринин жетекчисинин артынан түшүп алды эле ал түз "Игрокко" алып барды.

"Игрок" Мырза айткандай бейкапар жатпаптыр, үч кабат мейманкананын экинчи кабатын бүт сатып алып аябай мыктап кайтаруу коюптур. Бүт автомат, пистолет менен куралданган атайын машыккан жигиттер экени көрүнүп турат. Бери дегенде эле он кайтаруучусу бар окшойт.

Эгер өзү жардам бербесе Мырзага кыйын болуп каларын билди.

Башына глушитель тагылган пистолетин бир сыйра текшерип, дагы эки бычак тагынган Мырза "Мен жалгыз эле кирип чыгайын. Он эмес жыйырма кайтаруучусу болсо деле бат эле чыгам" дегенине Шаа болбоду. Белине баягы бел боосун оронду да, жылдызчалары менен ичке бычактарды такты.

- Бейкүнөө жаш жигиттердин өмүрүн кыйып эмне кереги бар. Бул жылдызчалардагы уу 2-3 секундда адамды уктатат. Болгону теринин астындагы канга жетсе болду - деди жылдызчаларды таң кала айландырып караган Мырзага - Өлтүрбөйт. Жара да кылбайт. Тийгенде ийне киргенсип "тыз" дей түшөт да эмне болгонун түшүнгүчө уктап калат. Кайра эсине келгенден кийин деле түшүнө бербейт. Аз күндө эле тийген жери кайра айыгып кетет, - деди да - Экөөбүз чогуу кирели. Эгер сен бул жылдызчаларды ыргыта билсең эң сонун болот эле, - дегенде Мырза колундагы жылдызчалардын бири менен ары дубалда илинип турган кыздын сүрөтү бар календарды уруп калды эле жылдызча туура эмчегине сайылды. Шаа дагы таңдана бакырая карады.

- Бизди киши өлтүрүүнүн бүт түрүнө күнү-түнү машыктырган, - деп койду Мырза көңүлсүз.

Шаа үнсүз жети жылдызчаны карматты да, кайыш капчык берди.

- Ылайыктуу чөнтөгүңө, бул капчыкка салып кат. Болгону абайла. Эгер байкабай колуңду тилип алсаң өзүң уктап калышың мүмкүн. Анан кайра жыйнап алганды унутпа. Артыңа из калтырбаган жакшы. Экинчиден, мындай куралды табуу да оңой эмес. Сеникиндей пистолет менен автоматты көчөгө чыгып эле таап келсе болот. Ал эми мындай курал эч жерде сатылбайт, -деп жылмайып койду.

Мырза үнсүз, жылдызчаларды капчыкка ирээттеп салып жанына катты.

Экөө тең спорт формасын кийишти. Шаа издеп жүрүп баягы казак таксистти таап келди. Таксист Мырзаны көргөндө эле тааныды

- Карактарым, силер менен жүрүс опасный гой. Мени жайыма койсаңаршы. Мен бир шорды таксистмин гой. Каскак болсо семьямды ким багат? - деди наалый.

- Кабатырланбаңыз аке. Сизге чымын да конбойт. Сөз тиймейт - деди да Шаа жүз долларды таштап койду. Мейманкананын дарегин айтып, биз жарым саатка кирип чыгабыз. Сиз күтө турасыз. Кайра кайтканда дагы ушунча аласыз, - деди.

Таксист ийнин күйшөп, "Теңгең таттуу, ишиң ачуу" деп койду.

Мырза үн дебеди. Таксини алысыраакка таштап экөө мейманканага жөө келишти. Бир сыйра мейманкананы айланып чыгышты. Мырза "Игрок" жаткан бөлмөнүн балконун сурады эле Шаа көрсөтүп берди. Эмнегедир экинчи кабаттын бүт бөлмөлөрүнүн жарыгы күйүп турду. Кейпи, куу "Игрок" өзү жаткан бөлмөнү билбесин деп баарын күйгүзүп койсо керек.

Бизде бир гана жол, үстүнөн түшөт экенбиз. Крыша аркылуу - деди Мырза. Шаа Мырзанын оюн билип үн деген жок. Мырза кичине ойлонуп туруп:

- Балким, мен өзүм жалгыз эле барбайымбы? Себеби, сөзсүз чуу чыкпай койбойт. "Игрок" профессионал. Ал ар бир добушка маани берет. Анан балкон аркылуу үчүнчү кабатка көтөрүлөт да крышага чыгат. Биз түшкөн коңшу үйдүн крышасы аркылуу качууну ойлойт. Ошондо сиз астынан чыгасыз да алдагы жылдызчаңыз менен тозосуз. Калганын өзүм бүтүрөм - деди.

Ички сезими да "Мырзанын айтканы туура. Акылына көн" - деп турду. Шаа өмүрүндө биринчи жолу туюмуна каршы, акыл ойлоосу менен чыкты. Мырзаны жалгыз жанагынча тишине чейин куралданган баш кесерге жибергиси келбеди. Деги эле жанынан чыгаргысы келген жок. Аз күн ичинде бир тууган инисиндей көрүп калган.

- Жок. Эмне болсо да чогуу бололу. Ал жакта коргоочулар көп. Онбу, жыйырмабы толук санын эч ким билбейт. Жалгыздын иши жалгыз. Экөөлөсөк оңой - деди көшөрө. Мырза үнсүз макул болду. Өзү үчүн жанын да кыюудан кайра тартпай турган Шааны кучактап өпкүлөй ыйлап ийгиси келди.

"Кудай буюруп иш бүтсө, мени бир тууган кылып алыңызчы байке. Иниңиз болуп жүрөйүн. Айтканыңыздан чыкпайын, - деп айтышым керек" - деп ойлоду. Шаа түшүнүп турду. Көзүнөн жаш тегеренип кетти. Болгону караңгыда көрүнгөн жок. Жашый турган деле мезгил эмес эле.

Экөө коңшу үйдүн крышасы аркылуу бат эле мейманкананын үчүнчү кабатына түшүштү. Анткени, үйлөр өтө чукул салынгандыктан аралыктары эки метрге жетпейт экен.

Кабаттардын эки жак капталында тең тепкичтер болгондуктан экөө эки капталынан чыгышмай болушту.

ххх

"Игрок" италиялыкты жайлагандан кийин Мырзаны "Мээсинен айырдым. Мени көзөмөлдөтсө ушул гана көзөмөлдөтмөк" деп ойлой жеңилдей түшкөн. Ошондо да кайдагы бир ниндзяга кошулуп качып кеткенинен тынчсызданып жатты. Эгер Мырза артымда аңдуучу бар десе "ниндзя" мени жок кылышы мүмкүн деп, кайтаруучуларын көбөйткөнү.

Жаңы эле уктап бараткан. Тепкичтер тараптан "дүп" деген добуш угулгансыды. Бул салмагы оор адамдын кулашына окшош. Сол жактан чыккан тепкичтерди кайтарган неменин салмагы жүз килодон ашык болуш керек эле. Кулагын албай түрүп калды. Бүгүн эмнегедир тынчы кетип, жүрөгү дүкүлдөп ордунда эмес. Түндө да таң аткыча жаман түштөрдү көрүп уктай албай чыккан. Киллер үчүн туюу сезими башкы иш. Шарт ордунан секирип турду да шашыла кийинди. Колуна башына глушитель тагылган пистолетин алып, акырын эшикти добушсуз ачты. Ачары менен туура эшик алдында отурган күзөтчү көздөрү аңтарыла шылкылдай кулап түштү. Коридордун башынан келаткан кара кийимчен "ниндзя" экөө тиктеше түшүштү. Секундага жетпеген убакытта ок чыгарууга үлгүрдү. Тигил да шарт секирип тушундагы бөлмөнүн эшигине жашынууга үлгүрдү. "Игрок" эч убакта жаза атуучу эмес. Анын үстүнө кыска аралыктан. "Сөзсүз тийди" деп ойлоп койду. Шаша бөлмөсүн ичинен бекитип, балкон аркылуу үчүнчү кабатка көтөрүлдү. Күндүзү баарын бир сыйра карап текшерип койгон. Крышага чыгып эми боюна турайын дегенде

- "Игрок" сенин крыша аркылуу качмай адатың барын билбей калат дедиңби? -деген үн чыкты. Караңгыда бурулуп карабастан туруп пистолетин колтугунан чыгарып үн чыккан тарапты болжоп атайын дегенде так кежигесине тийген ок маңдайын жарып мээсин чачырата чыгып кетти. Удаа эле үч ок денесине кадалды. Машааны басканга үлгүрө албады. Крышадан мешоктой төмөн учту да жерге күп деди.

Мырза Шаанын кармалганына таңдана тынчы кете түштү. Себеби, эмгиче чыгып келип калмак. Төмөндө эч ким деле калган эмес. "Игроктун" эшиги ачылып, глушитель тагылган пистолеттин үнү чыкканда эле Мырза кайра крышага жүгүргөн. Бирок, Шааны октон оңой эле буйтап кетти го - деп ойлогон. Шаа Мырза үчүн дүйнөдө жок "ниндзядай" көрүнгөн болчу. Кайра экинчи кабатка илбирстей секирди. Шаа коридордо сол каруусунан аккан канды токтотуу үчүн таңып жаткан экен. Аны көргөндө Мырзанын көзү чекчейе түштү.Шаа:

- Сол каруума ок тийип калды - деди күнөөлүүдөй.

Мырза үнсүз отура калып сөөгүн кармалап жиберди. Сөөгү аман экен. Кубанып кетти. Каруунун жараты бат эле бүтөт. Эң башкысы сөөгү аман экен. Мындайдын неченин көргөн го. Бир бутунун байпагын чечип, каруунун ок тийген жеринин жогору жагынан бекем бууду. Экинчи байпагын чечип жүз аарчысын коюп туруп жараттын өзүн бууду. Шаа Мырзанын табышкерлигине таң калбай деле калган. "Мен өзүм эле келейин десем болбой койбодуңузбу" дейин деди да кайра унчукпады.

- Кылыч менен бычактан буйтаганга караганда октон буйташта айырма бар тура. Мен мажүрөөлүк кылып койдум, - деди Шаа күнөөлүүчө.

- Жок, сизде күнөө жок. "Игрок" өзү өтө шамдагай киллер болчу. Анын огунан буйтагандар болгон эмес. Эч убакта мээлебей туруп түптүз атып көнгөндөрдөн.

- Аны жок кылдыңбы? - деди Шаа таңдана "болчу" деген сөзүнөн улам.

- "Игрок" эмес даана шайтандын өзү болсо да чоң аталарына кетти, - деди Мырза жылмая.

Экөө кайра келип таксиге отурганда болгону кырк минута убакыт өтүптүр. Шаа жарадар болгонун билгизбеди. Жолдон дарыканага токтотуп Мырза өзү түшүп барып тийиштүү дарыларды алып келди. Шаанын өмүрүндө биринчи жарадар болушу эле. Эти ысып, башы айланып чыкты. Ошондо да сыр бербеди.

Бөлмөлөрүнө киришкенден кийин Мырза жаратты билгичтик менен жууп-тазалап, дары сүйкөп таңып чыкты да ооруну басаңдатуучу, температураны түшүрүүчү уколдордон салды. Шаа Мырзанын ишине үнсүз көнүп каршылык кылбады.

Баары бүткөндөн кийин Шаа малдаш токунуп отуруп алып транска түштү. Кытай энеси да Кадыр атасы да келип нааразы боло күңкүлдөшүп, жаратын карап киришти. "Дагы бир карыш болгондо ок жүрөгүңө тиймек" - деди, кытай энеси. "Мен түртпөсөм бул качан атат" деп тура бермек" деди Кадыр атасы. Шаа үнсүз отуруп берди.

Бир учурда кытай энеси "Окко ууланган жаман канды сыгып бүт колуңдун манжаларына түшүрдүм. Беш манжаңдын тең учтарын тилип канын агыз, -деди.

- Мырза, жаңы лезвия анан кан тоскудай бир идиш алып келчи, - деди отурган калыбында. Мырза бат эле алып келе калды. Манжаларынын учун тилип идишке тоскондо чын эле уюган кара кан ага баштады. Кичинеден кийин "болду" деди кытай энеси. Манжаларын аарчып, спирт сүйкөп койду. Жаратынын ооруганы басылып жаны жай ала түштү. Чалкасынан түшүп уйкуга кетти.

Эртең менен жаратынын таңуусун жаңыртып дары сүйкөйүн деген Мырза көзү алая таң калып калды. Жарат дээрлик бүтөйүн деп калыптыр. Эч кандай шишибептир. Бүгүн шишийт го, температурасы көтөрүлүп кыйналар деп ойлогон.

- Дарыңды көп деле шыбай бербе. Кудай буюрса 3-4 күндө таптакыр айыгат деп койду Шаа.

- Мындай шумдукту биринчи көрүшүм, - деди Мырза таң калганын жашыра албай. Октон жаракат алгандын бир түндө жараты шишибей айыгайын деп калганын биринчи жолуктурдум, - деди өз көзүнө өзү ишене бербей асты-үстүн кармалап. Шаа унчукпады. Ичинен "Ырахмат энеке, ырахмат ата" деп кытай энеси менен Кадыр атасына чын дилден жалынды.

ххх

Фаризат Шаадан бөлүнөрү менен ичи туз куйгандай ачышып кетти. Тим эле вагондун терезесин талкалап секирип чыгып Шаанын жанында кала бергиси келди. Алматыга жеткиче бир минута да Шааны эсинен чыгарган жок. Ажатканага барганы болбосо купеден эч жакка да чыкпады. Жыргатып тамак деле ичпеди. Кыдырып саткандардан бир нерсе алып жемиш болбосо жүрөгүнө эч нерсе да баспайт. Мынчалык албууттанган сүйүү башына келет деп ойлогон эмес. Өзүнчө эле бир ыйлайт, бир сооронот. "Эгер Шаа алдаса анда аны да өлтүрөм, өзүмдү да өлтүрөм" - дейт. Кайра ал мага эч кандай сөз чыгарган жок го. Ал түгүл "Сени сүйүп калдым" деп да айткан жок. Эмне үчүн аны күнөөлөшүм керек. Эгер Шаа таштап кетсе анда өзүмдү-өзүм өлтүрөм. Ушул жашоого тойдум. Бул жолку кайгыны көтөрө албайм" дейт. Кайра "мен жинди болуп калган жокмунбу?" - деп коөт.

Шаанын эмчегинин үрптөрүн тилинин учу менен айланта жалап келип өпкөнүн эстегенде тим эле көкүрөгү тикчийип, денеси түйүлө түшүп колу менен көкүрөгүн кармалап жибергенин өзү да билбей калат. Кежигесин, кулак түбүнөн, алкымын өпкөнүн эстесе денеси өзүнөн өзү балкыйт.

"Эгер Шаа менин сезимимди түшүнсө өмүр бою бутуна жыгылып, көзүнүн кареги менен тең айланып өтөт элем. Бүт берем, байлыкты, "Бриллиант жыланды". Курусун ушул байлыгың. Сүйгөн адамыңдын бир ырахатына бүт дүйнөнүн байлыгы татыбайт тура" - деп коөт ичтен. "Балким, Шаа менин башымды айлантып койдубу?" деп ойлоп кетет да "Шуркуя, жалап, дагы баягы арам ойлоруң башталдыбы. Ушинтип шекшинип жүрүп жыргаган жоксуң го" - деп өзүн тилдей Шаа жөнүндө кенедей жаман ойлогусу келбейт.

Купеде чогуу бараткан орус кемпир:

- Кызым, өзүңчө эле бир ыйлап, бир сооронуп, бир күлүп, бир мостоюп келатасың. Чогуу келатканыбызга эки күн болду. Биз менен деле оңдуу сүйлөшө элексиң. Кейпи, ичиңде чоң кайгың же кубанычың бар го, - деп койду! Араң турса керек жарылып кетти:

- Чын энеке. Өмүрүмдө биринчи өз каалоом менен, эрким менен чоң сүйүүгө туш болдум. Бул менин бактымбы же кайгымбы билбейм. Сүйгөн адамым мени сүйөбү же жөн эле боору ооруп сыйлайбы аны да билбейм. Өмүрүмдө биринчи жолу акылыма келе албай делдиреп баратам, - деди жашын сүртүп.

- А-а сүйүң менен да жерге кирдики десең. Аның туура. Илгери ыраматылыгы болгон күйөөм мага сөз салып үйлөнгөндө мен да бир жылга чукул делдиреп ишенер-коөрумду билбей эс-мас болуп жүргөм, ботом. Абышкам жигиттин гүлү эле. Кыздар артынан чуркап кыйрап калышчу. Анан томпойтуп мени сүйөрүнө кайдан ишенейин. Элүү беш жыл чогуу жашадык. Бир жолу "ой" деп урушкан жокпуз. Анан оорудан үч жыл мурда каза болуп калбадыбы. Азыр да түшүмдөн кетпейт, - деп кадимкидей болкулдап ыйлап кирди.

- Коюңуз энеке. Сабыр кылыңыз. Элүү беш жыл жашасаңыздар армансыз эле өмүр сүрүпсүздөр.

- Армансыз да өмүр болчу беле, кызым. Эгер оорубаса азыр деле алдуу-күчтүү болмок, - деди басыла албай.

Кемпирди карап туруп "жетимиштен ашкан кемпир ушинткенден кийин, биз да жүргөн экенбиз" да деп койду таңдана.

Алматыга жетери менен квартира ала элек жатып телеграмма жөнөттү. "Бүт иштер жайында. Сагындым! Тез келчи!" деген. Анан үч бөлмөлүү бардык шарты бар мыкты квартира жалдады. Эки айын астын ала төлөп да койду.

ххх

Чын эле Мырза ойлогондой болду. Күнү-түнү үчөөнү издеген тыңчылар баш-аламан боло түшүштү. Баарын тызылдатып чуркаткан акча эле. Эми күн сайын төлөп турган "Игрок" жок. Анын жайган тору бычырап үзүлүп кетти. Ал түгүл "менин чыгымым баланча болчу. "Игрок" мага мынча берем деп убада кылган, эми ким төлөйт" деген көшөкөр чырлар да башталды. Дайынсыз жоголгон үчөөнү издеп чыгым болгуча чыр чыгарып аны доолаган жеңил да. Дагы бир жагдай жекече тыңчылык жүргүзүүчүлөрдүн жетекчилеринин өздөрү да сыртынан сыр беришпегени менен "Игроктун" өлгөнүн укканда өз жандарын коргоп, мындай коркунучтуу иштен алыс болгуча шашышты. Атын уккандын жүрөгү титиреген "Игроктун" башын быркырата аткан немелер үчүн кайдагы бир жекече тыңчылык менен жан сактагандар эмне болуп калыптыр.

ххх

- Убакытты өткөрбөйлүк. Бүгүн кеч күүгүмдө шаардан чыгып кетели, - деди Шаа Мырзага.

- Колуңдун жаракаты жол жүргөндө ырбап кетпейби? Жок дегенде эки-үч күн күтсөк кантет. Октун жараты оңой болчу эмес эле - деди Мырза кантсе да жүрөкзаада болуп.

- Жок. Ырбабайт. Бир жумага жетпей таза айыгат. Кылчактасак тигилерге баш-аягын жыйганча мүмкүнчүлүк түзүп коөбуз, - деди Шаа ишенимдүү.

ххх

"Москва-Алмата" маршрутундагы поездден түшкөн Шаа менен Мырза ээрчише таксилер турган жакка басып баратып Шаа токтой калды да шарт бурула вокзалдын аркы калың бактуу бурчун карай басты. Мырза үнсүз артынан ээрчиди.

Бактын көлөкөсүндө чоң кара очки тагынган, башына парик кийип, такыр таанылгыс болуп өзгөргөн Фаризат турган эле.

Тигилер аны көздөй түз жөнөшкөндө мени көрүштүбү деп чоочуп, кайта жөн эле басып келатышат го, орун которсомбу деп ойлоп, кайра таанышар бекен же тааныбай өтүп кетеби, тура берейинчи деген.

Астынан тосуп чыкпаганы булардын артынан аңдуучу жок болду бекен сыртынан акмалайын деп, кантсе да башынан көптү өткөзгөндүк кылып саксынганы эле.

Эгер аңдуучу жок болсо такси менен кууп жетип жолугушмак.

Шаа түптүз басып келди да:

- Биз башка жерден жолугушалы дебедик беле, - деди нааразы болгондой.

Фаризат чыдамы кете Шаанын мойнуна асыла кучактай:

- Мени кантип таанып койдуң? - деди акырын шыбырап.

Шаа Фаризатты кучактап өзүнө тартып алгач алкымынан, анан эриндеринен аймалай өптү.

Мырза өзүнчө эле оңтойсуздана тескери карап, кыңылдап ырдамыш болуп калды.

Шаанын кучагынан бошонгон Фаризат Мырзаны да кучактап, согончогун көтөрө бетинен "чоп" дедире өөп койду да:

- Кичине ийилип койсоң боло. Сага жетиш үчүн секириш керек тура. Бою чакан кыз менен сүйлөшсөң экөөңдүн тең шоруңар,- деп тамашалады шайырлана.

ххх

Үчөө кайра жолугушкандан бери өзүнчө эле көпөлөк болуп айланып Фаризаттын кубанычында чек жок.

Эки жигит болсо сырттарынан сыр беришпегени менен ичтериндеги санаа өчпөй бушайман.

Бир жолу Фаризат Шаадан сурап калды;

- Мырзанын мүнөзү өзү эле түнтпү же ичинде айта албаган сыры барбы? Эмнегедир мага түнөрүп жүргөнсүйт, - деди.

- Түнөрбөгөндө кантсин. Өмүр бою аркасынан түшкөн кожоюнунун тыңчыларынан коркуп, "качан таап тындым кылышат?" деп жүрүп жашап өтөмбү? Өзүм аз келгенсип булардын өмүрүн да коркунучка салып койдум, -деп кыйналып атат да, - деди.

Фаризат башын Шаанын көкүрөгүнө жөлөй кыжаалат ойдо турду. "Баарын айтып таштасамбы же кичине күтсөмбү? Баарын айтып койсом, менден коркуп алыстагыча шашпас бекен? Жок. Бул жигиттер андайлардан эмес. Баарын айтайын деп чечти. Шаа Фаризаттын эркине койду. Чачтарынан сылай, моюнун сыйпалап эркелетип, өзү сүйлөгүчө унчукпады.

- Баарына мен күнөөлүүмүн, - деп баштады Фаризат.

Эмнеге Фаризаттын аркасынан сая түшүп кубалап жүрүшкөндөрүн. Азият деген ким болгонун. Бир ыйлап, бир сооронуп отуруп өз өмүрүн бүт төгүлүп айтып берди.

Экөө таң аткыча кирпик кагып укташпады. Шаа Фаризаттын таржымалын тажабай угуп бир жолу да сөзүн бузбады.

- Мен ушундай бейбакмын. Эми сен бүт билесиң. Кааласаң нан кармап карганайын эч нерсе жашырган жокмун. Эми мени жаман көрсөң да, жектесең да өзүң бил, - деди көздөрүнөн жашын кылгырта.

Шаа үнсүз Фаризатты өзүнө тартып, алкымынан аймалай жыттады. Экөө өздөрүн жогото махабат жыргалына батып кетишти.

- Фаризат, сенин артыңан куугунга түшкөндөр тоо арасына катылган байлыкты жалгыз сени гана билет деп ойлошуп жандары тынчыбай жатат. Эгер сенин азыр алпарып көрсөткөн күндө да кайсыл тоо, кайсыл капчыгай экенин таба албашыңды билишсе сенин аларга кенедей да керегиң болбой калат. Кайдагы бир аял үчүн алар каражат коротуп куугунтукка алышпайт. Демек, сенин эч нерсе билбешиңди аларга билдиришибиз керек. Бирок, кантип? Кандай жол менен? Алар биздин айтканга ишене коюшабы? Эң башкысы алардын жанын тынчытпаган нерсе бул тоо арасына катылган сан өлчөмү бизге белгисиз байлык. Ал байлыктын жиги билинип, түгөл колдоруна тиймейин биздин "билбейбиз" деп карганганыбыз түккө турбайт. Ошондуктан ойлончу Фаризат, сенден башка ошол тоону, ошол каргашалуу капчыгайды жакшы билген, так көрсөтүп бере алуучу бирөө-жарым болушу мүмкүнбү? Балким, жанагынча жүк ташыган жигиттердин бирөө-жарымы эсиңде калгандыр?

- Мен ал жигиттердин эч кимисин таанычу эмесмин, - деп алып кайра Фаризат үнсүз ойлонуп калды да;

- Шаа, эстедим. Ошолордун арасында "Молдо" деген кубаңдаган, тим эле шыпылдап турган бирөө бар болчу. Улуту же тажик же өзбек. Эки тилде тең жакшы сүйлөчү. Кийин аны "Ооганстанга качып кетти" деп Азият жинденип жүрчү. Ооганстандан башка жакка кача да албайт эле да.

Так ошол "Молдо" тирүү болсо бүт билет. Бирок, анын тирүүлүгүнө ишенбейм, - деди Фаризат көздөрүн жайнатып.

Мырза менен Шаа акылдашышты да Мырзанын кожоюнуна "факс" жөнөтүштү. "Урматтуу кожоюн. Мени издетип каражат коротпоңуз. Фаризатты издеткенден да пайда жок. Ал сиз издеген тоо жөнүндө эч нерсе билбейт экен. Буга ишениңиз. Куран кармайм. Андан көрө бир учурда Азиятка жигит болгон "Молдо" аттуу немени Ооганстандан издетиңиз. Ал бүт сырды так билет. Жалгыз ошол гана калыптыр. Эгер тирүү болсо. Болбосо, эч ким калбаптыр. Эгер менин жайыма тынч койбосоңуз, мен өзүм сизге жетип жок кылууга аракет жасагандан башка аргам калбайт. Өмүр бою качкыча ушундай жол туура болот" - деп Сизди урматтаган Мырза,- деген кол коюу менен.

ххх

Үчөө ишенбеген менен бул кадамдары бутага тийди. Жанын коөрго жер таппай кыжынган "чоң кожоюн" бир жумада "Молдону" таптырды: Ал тирүү экен. Болгону бир бутунан айрылып чолок болуп калыптыр. Тим эле сайрап айтып берди.

Бир айга жетпей кайдан-жайдан пайда болгон куралдуу боевиктер чекти бузуп, Ооганстандан өтүп келишти. Астыңкылары жол ачкан соң артынан элүүгө жакын эшек айдагандарды баштап "Молдо" келди. Катылган дүйнө чып-чыргасы коробой өз ордунда экенине көзү жетип так кабар алган күнү "чоң кожоюн" Фаризат жөнүндө да, Мырза жөнүндө да таптакыр унутту. Андай майда-чүйдө менен алектенүүгө убактысы да жок болчу. Аларды куугунтукташ үчүн бөлүнгөн чыгымды жаап, "ишти токтоткула" деген буйрук берди.

ххх

Линин кызы түшүнөн чоочуп ойгонду. Муундары калчылдап коркуп калыптыр. Түшүндө өз атасы менен кошо сейрек чукчуйган ак сакалы бар чоң атасы келиптир. "Кызым, иш бузулду. Шаага сенин алың жетпей турган болуп калды. Ойлогон айла-амалдарың ишке ашпайт. Андан көрө өз жаныңды ала кач. Кытайдын түпкүрүндөгү майда шаарларга кирип кет.

Жигиңди билгизбей өмүр өткөр. Өзүңө мураскор даярда. Мураскоруң да өзүнө мураскор даярдасын, ушинтип канча муун алмашат бир билсе Теңир билээр. Керек болсо Шаанын күчүнөн биз да сага байма-бай жолугушууга дарманыбыз жетпей баратат. Ал жыланды тапты. Колундагы китептин жарымысы менен жыландын кусуру биригип кетти. Анан да бизге белгисиз укмуштуудай күчкө эгедер болуп алыптыр. Демек, сенден бери дегенде он эсе күчтүү. Сен аны көрөрүң менен бүт акыл-эсиңди жоготуп, калтырап-титиреп китеп кайда экенин өзүң эле айтып коөсуң. Ошондуктан токтоосуз биздин тилди ал да, ишке кириш" - деп жатыптыр. Бул атадан балага, кылымдан кылымга созулуп, кандан-канга берилүүчү күчтүү буйрук болчу. Муну мураскор кың дебей аткармак. Айтканды-айткандай так аткарып, талап-тартипти бузбас ишенимге ээ болгондор гана мындай иште мураскор болот.

Ушул эле күнү жолго чыгыш үчүн даярдана баштады. Болбосо, өзү башкача план түзгөн. Шааны таап, аны сүйүп калган киши болуп, керек болсо китепти берип туруп анан жайлоону ойлогон. Аялдык карамүртөздүктү колдонгусу келген. Түндөгү түшү жөн түш эмес, бул аян. Демек, аны так аткаруудан башка арга жок.

ххх

Шаа Чолпон-Ата-Алматы жолундагы Көк-Ойрок ашуусунун туу белине чыкканда чыгыш тарап саргыч кызгылт түскө боөлуп, күн нурлары жаңы-жаңы чачырап келаткан. Бул жаңы жол али толук курулуп бүтө элек болгондуктан татаал экен. Эгер мингени "Нива" автомашинасы болбогондо ашууга чыга алмак да эмес окшойт. Өзгөчө Шаа келген Алматы тарабы чукул бурулуштары, бийиктиги менен айдоочунун жүрөгүн дүкүлдөтөт.

Машинасын белдеги атайын жүргүнчүлөр токтоого ылайыкташтырылган жайыкка кайрып токтотуп, акыры жеттим дегенсип көздөрүн жума кичинеге отурду да анан эшикке чыкты.

Мөңгү тараптан тоонун муздак жели уруп туруптур. Таза аба өпкөсүн жарып кете сактады. Тээ төмөндө чөйчөктөй болуп каралжын көгүш тартып Ысык-Көл жатат.

Көл жээктей кереге тарта керилген Ала-Тоо кыркасы чалкалайт. Бүлбүл-бүлбүл "Молдонун-Чокусу" андан өйдө кадимки Хан-Теңирге улануучу асман тиреген чокулар мунарыктайт. Асманда үзүм булут жок, күн чайыттай ачык.

Кайсыл тарапты көздөй бассам дегенсип кичинеге дендароо болуп туруп калды. Чыгышында уюган аппак мөңгүлүү белес жатат.

Ашуу деңиз деңгээлинен 4000 метрге чукул бийиктикте болгондуктан туу белдеги жол кылымдардан бери эрибей жаткан мөңгүнү кесип өтөт. Куш араң учуп өткөн ашууну артып машина жолун салган адамдардын өжөрлүгүнө таңданганынан ичинен "Өмүрүндө бул жол менен Көк-Ойрок ашуусун ашкан да арманда, ашпаган да арманда. Чиркин, мындай кооз, жүрөктү дүкүлдөткөн бийик ашуу дүйнөнүн башка жеринде жоктур" деп эргип да алды.

Анан колунан бирөө жетелегенсип тескей бет тарапка кыйгай жөнөдү. Тескей беттеги асманды карай сайылып, антенача сороюп шуңшуйган-шуңшуйган аскалардын арасына кандай келгенин да билбей калды.

Асканын арасына киргенде кулактары дүңгүрөп, жүрөгү дүкүлдөп чыкты. Башын бирөө мыкчыгансып кысылып баратты. Чөгөлөп отура калды да ичинен ата-бабалардын арбактарына, Улуу Теңирге сыйынып жиберди. Башынын кысылганы токтоп, кулактарынын дүңгүрөгөнү басаңдай түштү. Асынган жол сумкасынан баягы кытай энеси берген белбоону алып чыгып белине оронду. Эрөөлгө чыкчудан бетер кош кылычын артына асынып мойнуна талисманды салынды.

Эми, жанагы дүңгүрөктүн баары токтоп өзүнө кадимкидей келе түштү.

Ордунан кайра туруп жогорку асканы көздөй басты да, атайы даярдаган жайнамаздай таза аянтчага жайгаша малдаштокуна отуруп, колун көкүрөгүнө алаары менен кайрадан айланасы бир башкача дүңгүрөй баштады. Бул жолу башы кысылып, жүрөгү дүкүлдөбөдү. Дабыш сыртта болуп жатты.

Алгач Кадыр атасы менен кытай энеси келип эки жагына отурду. Анан ак сакалын жайкалтып нур жүздүү аталар менен, ак элечек созулган энелер келди.

Өзү сөздү эмнеден башташты билбеди. Тигилер да үнсүз кырка уй мүйүз тарта отурушту. Баары тегиз жерде отургансып каалгый отурушту. Оо бир топто барып Кадыр атасы сөз баштады.

- Уулум, азыр сен ыйыктын-ыйыгына, ламалардын-ламасына кайрадан жолугасың. Мындай жолугушуу Улуу Теңирдин амири менен гана болчу иш. Сени Улуу Теңирим өзү колдосун! Бул жерге келгендердин баары сага ак тилек каалаган колдоочуларың, сага ак жол каалап келишти. Буга чейин да колдошкон, мындан кийин да колдошот. Баарыбыздын өтүнүчүбүз менен астыдагы жолугушуу болмокчу. Ушуну түшүн, - деди.

"Ырахмат ата" дегенчекти эле баары жок болуп кетишти да өзү жерден жай көтөрүлүп анан улам ылдамдай кайдадыр учуп жөнөдү.

Өзүн жогото сактап барып эсине келгенде баягы үңкүрдөн жолуккан Ыйык ламанын астында чөк түшүп отуруптур.

Лама баягысындай эле жүзүнөн нуру жайнаганы менен көздөрүндө кандайдыр тынчсыздануу тургансыйт. Шааны тикирейе карап турду да:

- Улуу Теңирдин амири менен кайра жолугуштук. Сен жакындаган чекке мындан бир нече кылымдар илгери да адам баласы жакындап келип кайра алыстаган. Себеби, Улуу Теңирдин өзүнө гана түшүнүктүүдүр. Пенделеринин басымдуу көпчүлүк бөлүгү туура ой жоруу агымына түшүүгө үйрөнө электендир. Улуу Теңир жолун түздөп ишарат берген сайын адам баласы акыл эстин түпкүлүгүнө, улуулугуна умтулууда. Ошол эле маалда тээ илгери жерге жаңы түшкөндөгү кандарында бүдүр болуп калган айбандыктын эпкин таасиринен да арылыша албады. Ак күч менен кара күчтүн тирешкени тирешкен. Пенде биригип ак күчкө ооп кара күчтү таманга басып коюуга жарабады. Балким, сендеги экиге бөлүнгөн китептин сыры ушул түйүндөдүр. Балким, сен ачкың келген сырдуу эшикте эмне үчүн адам пендеси арам менен адалды айра билүүгө акылы жетип, көзү көрүп турса да билмексен, көрмөксөнгө салып, күнүмдүк жашоого, тирүүлүктүн утурумдук азгырыгына кул болуп бүжүрөп өз абийиринин астында өзү жооп бере албай тепселендиде калгандыгындадыр. Бир жутум аба менен бир ууртам суудан кымбат да, таттуу да эмне бар болду экен? Жер бетинде тукуму үзүлбөй жашаган миңдеген жылдардын аралыгында бул суроо пенденин башында канча жолу уюп, канча ирет өз актыгын далилдеди? Деги пендеме кенендиги чексиз Улуу Теңирден дагы кандай ишаарат, түрткү керек?

Шаа оозун таптап суроо бергиси келди. Ыйык Лама колун көтөрүп койду.

- Сенин суроо бергиң келип турат. Аны билем. Бирок, суроо бербе. Мага берүүчү сурооңду өзүң чеч.

Экөөбүз турган жердин касиетинин кусуру Улуу Хан- Теңирге байланышкан. Сендеги сырдын түйүнү да ушул ыйык тоодо. Адам баласы бир кезде ыйык сырдын босогосуна келгенде Улуу Тоого акарат келтирген.

Улуу Хан-Теңирдин койнундагы сыр ошентип ачылбай кала берген. Адамдар ушул кезге чейин эмне себептен ушул ак чокуга Хан-Теңир деп ат коюлган? Ким койгон? Качан коюлган? Сыры кайда? Жок дегенде кандайча Улуу Ыйык Тоо аппак пирамидага окшоп шаңкайып турат ушуга да терең ой жоруша элек. Демек, пенделердин дараметтери жете элек. Менин оюмча Улуу Хан-Теңирдин койнундагы сырга сен өз мезгилинен мурда жакындап келатасың. Эми бул да Теңирдин сыноосудур. Он сегиз миң ааламдын сыры катылган эшиктин ачкычы сенин колуңда. Ага баруучу жолдун жарымы да айкын. Жарымына жетишиң деле татаал эмес. Азыр сенде эң башкы чоң тоскоолдук өзүңдү-өзүң жеңишиң калды. Ал сенин ичиңде жаңы жаралып жакындан бери кошо жашай баштаган түгөйүң. Мен сага мындан башка айтарым жок уулум. Ансыз да шарттан тышкары көбүрөөк сүйлөдүм. Улуу Теңирим өзү кечирээр, - деди да, кош дегенсип оң колун көтөрдү.

Шаа кайрадан зымырап учуп жөнөдү. Өзүнө келип көздөрүн ачканда баягы жайнамаздай жерде отурган экен.

Тоонун муздак шамалы уруп туруптур. Өзүнө келип жеңилдей түшүптүр. Бул көптөн бери жан дүйнөсүн кыйнап издетип келаткан байланыш болчу. Балким, көптөгөн көкүрөк өйүгөн суроолорума жооп алармын деген. Жок. Болбоду. Суроонун чечилиш түйшүгү өзүндө кала берди. Ал түгүл көбөйдү.

ххх

Англис тилинде "буудай кууруп", түш жоруп сайраган Мырза менен Фаризат турганда Америкага барып Линин кызын табыш кыйынга турбас деп өзүнчө даярдана баштаганда кытай энеси менен Кадыр атасы байланышка чыгышты. "Уулум, убара болбой эле кой. Кыз кайра Кытайга келди. Атын өзгөртүп түпкүргө түшүп кетти. Аны табыш өзүнчө түйшүк. Бирок, сендеги чогулган касиет күчтүн таасири менен Теңир жолуңду ачса аны табышың деле кыйын эмес. Ошондо да кызды издөөдөн мурун ыйыктардын-ыйыгы айткан акылды кайра бир таразалап, өзүңдү-өзүң бир жолго коюп алчы" дешти.

Боолгоп болсо да Шаа, китеп бириктирсе эле бүт түйшүктөн арылып, укумдан-тукумга уланып келаткан мурастык карыздан кутулуп, бейпил турмушта жашап калбасын түшүнө баштады.

Ыйыктардын ыйыгы Лама айткан экинчи түгөйү ким? Кандай неме? Жүрөгү сезип жүрөт. Акыркы кездерде бир маселени чече албай чоң кыжаалат ойго түшкөндө өзү экиге бөлүнүп кетип, эки киши бет маңдай отуруп алып талаш уюштургандай таасирде калат. Дегеле ал түгөй биринчи, Шаага жакшылык каалап, өмүрү кылычтын мизинде турганына карабай өжөрлөнүп жүрүп жакындап калган максатына жардамдаш болуучу, экинчи, жакшы Шаабы же адамдын бейиштен куулуп чыгышына көмөктөш болгондордой немеби? Мына тамаша ушуну тактап ойлой элек тура.

Өзүнчө жыргап күлүп алды. Эгер Линин кызы Кытайга келгени чын болсо Шаа Кытайда тим эле өз үйүндө жүргөндөй жүрөт. Туура, Кытай чоң өлкө, эли сансыз. Көгөрүп издесе таап деле алышы мүмкүн. Анын үстүнө өзүндөгү башка адамдарда жок касиеттер көмөктөш болот. Китепти бириктирсе жыландын ичиндеги ачкычтын сыры ачылып, ал ачкыч ачуучу эшикке баруучу жол белгилүү болот. Анан калганын көрө жатат да.

Кайрадан эсине Ыйык Лама түштү. Кантип бул адам адамдарга кошула албай же миңдеген жылдар бою өлбөй "өлүү болуп көрдө жок, тирүү болуп элде жок" жашоого өтүп кетти экен? Жүрөгү "тыз" дей түштү.

Балким мындан бир нече кылым илгери мен ачайын деген чекке так ушул ыйыктардын ыйыгы болгон Лама жакындаган болуп жүрбөсүн. Тобоо десең.

Өткөндө "Урматтуу таксыр, Сиз эмне үчүн ушул жолду тандап алгансыз?" деген суроону тил учунда таптап турган. Кийин Лама да өзү сыяктуу адамдын ойлогон оюн айттырбай билээрин эстегенде уялып калды. Керек болсо андай касиетти так ошол Ламанын кусурунан албады беле.

ххх

Фаризат Шаанын адамдан өзгөчө жоруктарына таңданчу болду. Баягы түндө бүт өмүрүн айтканда "Бриллиант жылан" анын укмуштай өзгөчөлүгү, баалуулугу жөнүндө да айтып, керек болсо жанагы "чоң кожоюн" издеген тоого катылган наркотовардан да бир нече эсе кымбат болушу керек. Муну эч ким билбей, түшүнбөй жатышат. Эгер билсе ошол жыланды издешмек эле" - деген. Шаа үн деген эмес.

Бир күнү "Бриллиант жыланга" барып көрүп келбейлиби, ордунда жатты бекен? Балким, алып келербиз" десе, кайдыгер гана "Аны эмне кыласың Фаризат? Өз ордунда жата берсин. Колдон келсе андай жыланды ошондой үңкүрдөн козгобогон оң. Ал эми өзүң болсо ал жылан жөнүндө унут да экинчи эч жерде кеп кылба. Эч кимге оозуңдан чыгарба" деп койду.

Сыртынан сыр бербеген менен Шаанын ичинде эмне деген улуу күрөш жүрүп жатканын түшүнүүгө Фаризаттын даремети жетмек эмес. Өзүндөгү сырдын четин ачууга да Шаа акысыз. Ошондуктан кайдыгер көрүнгөн менен "Бриллиант жылан" кайда катылганын Фаризат айтып атканда ою менен ээрчип отуруп так билип алган. Эгер кааласа азыр өзү барып деле таап алууга кудурети жетет. Маселе "Бриллиант жыланды" колго кармашта эмес. Анын сыры өтө тереңде, түпкүрдө жатат.

Фаризат жыландын кайсыл жерде катылганын айтып атканда Шаа жаткан ордунан каалгый, астынан кол өткүдөй көтөрүлүп барып кайра түшкөнүн Шаа туйганы менен Фаризат туйган эмес. Бул эбегейсиз күч болчу. Шаанын жүрөгү кысылып барып араң оңолгон. "Бриллиант жылан" азыр өзүнүн таасирине өткөнүн толук туйган. Эми аны Шаадан ажыратып кетишке Теңир өзү гана башка бир тең тайлашаарлык кудуреттүү күч жибербесе, өзүнөн өзү Азияттан Фаризатка өткөндөй опоңой башкага өтө алмак эмес.

Так ошол Фаризат сырды чечкен түнү "Бриллиант жылан" жаткан үңкүрдөн күңүрт добуш угулуп, үңкүрдүн оозу "күр- р" деп урап түшүп бүтөлүп калды. Муну Шаа туйду. Кайгырган жок. Кубанды. Эки ташты жылдырып ачыш чоң эмгекти талап кылбайт да.

Хан-Теңирдин чокусуна жакын ак мөңгүлүү тоолордун ортосундагы кайнаган Ысык-Көлчөнүн ортосунан ошол түнү оргуган ысык фонтан атырылып, ысык буу бүрктү эле ал ак булутка айланып, буладай созулуп Хан-Теңир чокусун көздөй шамал менен учту. Кочкордогу "Ара-Көл" термелип, көл жээктей боздоп чуркаган ак тайлакты айрымдар көрүштү.Бул эмне аян ким түшүнмөк.

Шаа өзү ачууга улам жакындап келаткан сырдын учугу колуна тийгенден баштап аны улам тереңдетип изилдеп, босогосуна жетип, эшигин ачкандан жүрөк заада болуп сактануу сезими күчөдү. Өзүн башкалардан өзгөчөлөнткөн айрым касиеттерге ээ болгондон бери мындай өзгөчөлүктүн артыкчылыгында кайра түбү айланып өзүңө тийген оорчулугу көп экенин жон териси менен билүүдө. Теңир адам баласын жаратканда бир гана чексиз эркиндикти жеке башына берип, "калган бири-бириңерге болгон алаканы өзүңөр куруп алгыла" деген экен. Бул ичиңден эч кимге билгизбей ойлоо, каалашыңча кыялдануу эркиндигиң гана, андан башка эркиндик эч убакта болбоптур. Демократиянын үлгүсү деген өлкөлөрдө да, ал түгүл жеке адамдардын бири-бирине болгон мамилесинде да, ал түгүл эң ысык үй-бүлө эрди-катындын ортосунда да эч убакта ойлогонуңду ойлогондой сүйлөп, ойлогондой иштөө эркиндиги болбогонун, адамдар көп учурда бирди ойлоп башканы сүйлөөрүн билди. Адамдар дайыма бирин- бири мыйзамдуу да мыйзамсыз да кысып, буйлалап тураарын түшүндү.Кылымдардан кылым өтсө да адам баласы өз ара алакадагы жөнөкөй мамилеге жетише элек. Таппай келишет.

Эгер адамдардын так ушул жалгыз эркиндиги бузулуп, ойлогон оюң да баарыга белгилүү болуп, ачыкка чыкса эмне болот? Бул адам баласынын тукуму үчүн пайда алып келеби же адам баласынын ушул кезге чейинки акырындап этап-этабы менен өнүгүп келаткан акыл эстеги жетилүү жолун талкалап кыйроого учуратабы? Бири ойлогон оюн экинчиси сүйлөттүрбөй билүүгө адамдар тегиз жетеби же бир катмары жетип, өздөрүнүн артыкчылыгы менен экинчи катмардын жолун тосуп бийлик жүргүзүп эзе баштайбы? Балким, мындай өзгөрүшкө биринчи жетүүнү көксөгөн күчтүү мамлекеттер муну мамлекеттик ишке айландырып жибериш үчүн өз кызыкчылыктарына басып алууну каалашса, мамлекеттер ортосунда кандуу кыргын чыгып кетпейби?

Бул сырдын бир эле түйүнү. Астыда канчасы турат.

Суроо сансыз. Жооп жок. Он сегиз миң аалам эмне деген кеңдик. Сырды ачуучу Шаанын орду кайда? Бул улуу сыр, улуу ачкыч, түбү кайыптан бүткөн элимдики экен деп элине берсе көтөрөөрү барбы? Пенденин ичиндеги акыл эс, бийлик, байлык үчөө миллиондогон жылдардан бери биринен бири өйдөсүнүп, көкүрөк тиреп күрөшүп келатышат. Бирде акыл- эс жогору чыгып, бейпилдик келип жалпы пенде тынчтыкта өсүп-өнүп жашай баштаса аны көпкө узартпай бийлик кызыкчылыгы талкалап, тарпын ташына чыгарып акыл эс тепсендиде калып, кирди-чыкты эси бар дардаңдар бийлеп сайрандайт. Андай сайран да көпкө узабай байлык өз чалмасын ыргытып жыландай сойлоп, ичтен да кирип, сырттан да кирип, азезилдей азгырып барып кучагына тартып, сыйкырлап ач көздүктүн, эки жүздүүлүктүн, арам оокаттын ашына жылма сүйлөп тойгузуп утурумдук кара курсак үчүн бийлигиңди да, акыл эсиңди да кара баткакка оонаткандай оонатып, шалтактата булгап шылдыңдайт. Байлык астында бүжүрөтөт. Көрсө, Пенде тирешкени ушул үчөөнүн тең чексиз экенин түшүнбөйт окшобойбу. Акыл эсте чек барбы? Байлыкта чек барбы? Бийликте чек барбы? Мен чегине жеттим деген барбы?

Бул үчөө бирикпейт. Бириксе адам пендеси кайрадан бейиштеги жашоосуна өтөт. Кичинекей тоголок баштын ааламга батпаган түйшүгү ушунда окшобойбу?

Шаа баарын бышырып даярдап апкелип, мына ушул үчөөнүн кимисине кул болуп жүргөндүн колуна улуу ачылышты салып бермек.

Эмнеси болсо да китепти бириктирип Хан- Теңирдин койнундагы сырдын жолун ачайын да, калганын бара көрөйүн" деп бир дүйнөсү жулунса, бири "токто- токто, алгач жүрөгүңдөгү санаанын жообун тап"- дейт... Тагдырдын кайчылаш жолунда акылдаш болоор кими бар? Чиркин ай, мынчалык мөгдүп туюка камалган эместир. Өзү да эки эмес үчкө бөлүнүп, үч бөлүгү тең эмне кыларын биле алышпай ар жерде соксоюп отуруп калышкансыйт. Ичтеги баягы тирешип талашуу да жок.

ххх

- Шаа... Шаа биздин Мырза тымпыйып жүрүп эң бай адамдардан окшойт, -деп Фаризат көңүлдүү кыйкыра жүгүрүп кирип келди. Шаа ойго чөгүп жаткан. Фаризат колуна кандайдыр бир кагаздарды көтөрүп алыптыр.

Аркасынан кошо кирген Мырза Шааны карап ийинин күйшөп койду.

Ордунан турган Шаа;

- Түшүндүрчү... - деди.

- Түшүндүрсөм мындай, Мырзаны бир атактуу араб байы мураскор катары тандап, өзүнүн бүт байлыгын буга калтырыптыр. Интернет менен текшерсем чын эле ал адам дүйнөдөгү саналуу байлардын катарындагылардан экен.

Эми бизге Лондонго учуп барып бул кагаздар аркылуу Мырзага бүт байлыкты которуп, каттатып коюу гана калды, - деди күлмүңдөй.

Шаа кагаздарды колуна алып карап койгон менен англис тилин түшүнбөгөндүктөн окуй алган жок.

Мырза өзү бул кагаздарды жанынан чыгарбай катып жүргөнү болбосо, маани-маңызына тиши өтчү эмес. Кандайдыр бир байлыкка ээ боло коөруна деле ишенбөөчү. Фаризат экөө англисче сүйлөшүп отуруп "Момундай кагазды түшүнүп окуй аласызбы?" - деп көрсөтө койгон. Фаризат болсо мындай иш кагаздарын чемичкедей чагарын кайдан билди.

Шаа кубанган экөөнү карап туруп "Үстүңөрдөгү кара булут тарап кетиптир. Кейпи, чоң кожоюн силерди унутса керек" деп койду. Тигилер Лондондогу байлыкка жүрөктөрү дүкүлдөп жаткандыктан Шаанын сөзүнүн маанисине көңүл деле бөлүшпөдү.

Шаа ичинен " Теңир жолунун бузулбаганын кара. "Бриллиант жыландын" байлыгы жетиштүүлөрдүн колуна тийчү кылымдардан келаткан шарты бар эмес беле. Көрсө, сыры бул жакта тура",- деди да, Балким, көкүрөгүн өйүгөн жообу чечилбеген түйшүктүү суроолордун жообун табуунун мезгили келгиче Фаризат менен Мырза айткан күнүмдүк көрпенделик менен алектене турганым оңдур" деп ойлоду. Адам баласы үчүн аягы белгисиз улуу ачылышты ачууга саналуу кадам турган менен эгер касиеттүү Улуу Теңир өзү жар болбосо бир да кыймыл жасай албай турган сызыкка жеткен. Муну жүрөгү менен туйду.

Эч нерсе менен иши жок тигил экөө азыр эле жолго чыккылары келип жээлигип турушкан. Көрсө, тирүүлүктө көрпенделиктин рахаты да, түйшүгү да бүтпөйт тура.

Аягы. Бишкек-2001


Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз