Айгүл ШАРШЕН


МАСКАЧАН АЯЛ


Күндө базарга бөкчөңдөп келип, калган-каткан жер-жемиштердин калдыктарын чогултуп жүргөн бул кемпирди эч ким деле этибарга албайт. Ал ошого ыраазы боло, мыйыгынан жылмайып коюп, көнүмүш жумушун бүтүрүп жүрө берет. Байлыгын толтуруп бүтүп: "эми кандай неме жолугаар экен" деп ойлоп тачка чакырды эле, жумушу жок бош тургандардын бири тачкисин тарактата чуркап келди. Аны көргөн кемпир: "балакатка жетип калган тура, боло берет" деп ойлоду. Аңгыча жетип келген тачкист:

- Эне, каякка? - деди энтиге.

- Шашпа, балам, адегенде сүйлөшүп алалы, андан кийин. Менин бутум ооруйт, тачкеңе мени салып аласыңбы?

- Макул, эне, түшүңүз! Канча бересиз?!

- Жетели, анан айтканыңды берем.


- Болуптур.

Бала кемпирди жөлөп-таяп тачкага олтургузду да жөнөп кетти, баштыгын кармап тачкада олтурган кемпир: "ушул эң акыркысы болсун, муну колдон чыгарбашым керек" - деп ойлонуп баратты. Бейшеналиева көчөсүнөн өткөндөн кийин майда көчөлөргө түшүп кетип баратып бир заңгыраган үйдүн дарбазасына келгенде токтотту да:

- Уулум, ушул жерге токто, мени түшүр! - деди өктөм. Тачкист кемпирди түшүрүп, баштыгын көтөрүп босогосуна жеткенде:

- Эне, мен кетейин жөнөтүп коюңуз тезирээк, - деди эле кемпирдин шашаар түрү жок эшигин ачып, баштыгын үйгө киргизди да:

- Куттуу үйдөн кур чыкпа балам, даам ооз тий! - дегенде тигинин чыйпыйы чыгып кетти.

- Эне, кереги жок, рахмат менин акымды эле берип коюңуз.

- Кир, кире гой, барасың да, азыр мен берем, даам ооз тийип кет!

Улуу кишинин айтып жатканынан, тынчы кетип шашып жатса да үйгө баш бакты. Эшикти аттап кире бергенде эле анын таң калганынан оозу ачылып калды. "Укмуш, кебетеси тигил, жашоосу бул, деги буга эмне керек?" деп ойлонуп эки жагын карап же өйдө өтө албай босогодо туруп калды.

Анткени, керээлден-кечке тердеп-тепчип жүк ташыган эменин байпагы жыртык, шыбоо эле. Бала аны ойлонуп туруп калганда, кемпирдин кайда кеткенин байкабай калды. "Кызык, - деп кайрадан ойлонуп кирди бала, - заңгыраган үйү турса, үй оокаты бул болсо кантип таштанды терип жүрөт, эмнеге"?

Аңгыча артынан бирөөнүн басып келе жаткан дабышы угулду. "Ии-и. ырас болду нан ооз тийип эле кетейин, кемпир нан алып келе жатса" деп артын карай салса отуз беш, кырк чамасындагы сулуучумак аял келе жатыптыр. Тачкисттин аты Кумар эле. Ал озунуп тигил аялдан сурап калды. - Эже, жанагы эненин кызы болосузбу?
Урматту окурман сизден сураныч томонку жарнамалык блокго басып,рекламодательдин сайтына отуп коюнузчу!!!Алдын ала чоон ыраазычылык

- Кимди айтып жатасың?

- Бул үйдүн ээсичи!

- Аа-а ооба менин апам, эмне болду, сен кимсиң?

- Ммм-мен тачкисмин, эненин жүгүн алып келгем, акымды берсе кетет элем.

- Аа-а анда күтө тур келет, андан эч коркпо, ал сенин керек болсо күндүк тапкан акчаңды да берип койот, ал ошондой бай да, "добрый" да кемпир.

- Эже, мага ашыкча акчасынын кереги жок, өз мээнетимди берсе эле кетет элем.

- Азыр келет, андан көрө чарчаган чыгаарсың, бир аз эс алып чай ичип кет!

- Жок, жок, чай ичпейм, эмеле курсак тойгузуп алгам!

- Отура тур анда, карайын, - аял эшикке чыгып кеткенде Кумар бушайман ойго берилип олтурду, "Канча баласы бар болду экен? Эгер мен дагы минтип апамды жакшы багып, үй-жайды оңдоп алсам апамды минтип көчөгө чыгарбайт элем?"

Аңгыча сырттан кемпир эмес эле жанагы аял кирип келди да:

- Апам кайда кеткенин билбейм, ал келгенче олтуруп чай ичели, - деди да чайнек көтөрүп сыртка чыгып бара жатып, - жай эле олтур, эшикте ысык болуп турат, салкын түшкөндө деле иштегенге жетишесиң! - деди.

- Эже, сиз эле берип койо бербейсизби, эне келгиче качан, мен ысык деп олтура берсем кеч кирип калбайбы! - деп ордунан козголо бергенде тигил аял аны токтотуп койду.

- Мен бере албайм, силердин канчага баалашканыңарды мен кайдан билем?

Кумар үн дебей олтуруп буларды ойлонду. "Кете берсем окшойт иштен калбай, дагы бир жолукканда алаармын"... Аңгыча тигил аял сырттан кирип келип Кумарга жайдары күлө сүйлөп алаксытып жатты.

- Атың ким, кайдан келгенсиң?

- Кумар, Оштукмун.

- Оштуктардын тили буруу болчу эле, сен таза сүйлөйт экенсиң.

- Ооба менин апам кыргыз, анын үстүнө биз көбүнчө апамдын төркүнүндө чоңойдук.

- Ошондой, таза сүйлөйт экенсиң.

Аңгыча Зоя сыртка чыга калып, кайра бат эле буулана кайнап жаткан чайнекти көтөрүп кирди да сүйлөп жатып эле дасторкон жайып, тез эле аны-мунусун жайнатып жиберди.
Black Star

- Менин атым Зулфия, Зоя эже дей берсең болот, кел чайдан ичип олтур! - ал ысык чайдан куюп чыныны Кумарга сунду.

Кумар ысык чыныны алды да дасторконго кол сунуп баратып, кайра колун тартып алды. Анткени, анын колу кир эле, аны байкап калган Зоя.

- Ал, ала гой, жумушта жүрсөң анан. Андан көрө мен сени баятан бери божурабай колуңду жуудуруп койбой, эчтеке эмес, - деп жайгара сүйлөп койду. Кумар нандан алып чай ичип олтуруп, ушул чыныны түгөтүп эле чыгып кетүүгө ашыгып жатты. Ал азыр ушул жерден чыга албай, алдында кандай тагдыр күтүп турганын билген да, туйган да жок, болгону айылдагы апасы менен үч жашар карындашын ойлоп, алардын жол карап, өзүн күтүп жатканын ойлогондо тынчы кетип колундагы бошогон чынысын койо салды да:

- Эже, мен кетейин, дагы бир жолугуп калсам алып алаармын, - дегенде Зоя аны токтотуп койду.

- Азыр, мынабу винодон кичине алып койсоң, жакшы иштейсиң.

Обдулуп барып олтуруп калган Кумар колуна стаканды алып ичип жиберди эле Зоя ага чай сунуп калды. Аргасы кетип чыныны Зоянын колунан алды да шашып-бушуп чайдын ысыгына карабай иче баштады. Аңгыча Зоя винодон куюп кайра Кумардын алдына стаканды коюп жатып байкатпай уйкунун дарысын салып койду да:

- Ал, Кумар, ала гой, эми сен дагы жумушуңа барасың, мунун аркасы менен жакшы иштейсиң!

Унчукпай калган Кумар жай ууртаган чайын токтотту да Зояга чынын айтты.

- Эже, мен ичпей эле коеюнчу, башым айланып жатат.

- Эчтеке болбойт, алып ий, эми сен жаш бала белең, чоң эле жигит болуп калган турбайсыңбы!

Кичине ичкенге көтөрүлө түшкөнбү, же "чоң жигит" деген сөзүнө шерденип кеттиби дагы стаканды алып туруп ичип жиберди. Зоя кытмыр жылмайып алды да акырын Кумарды сынай минтти:

- Ой, молодец, мына эми жигит болдуң!

- Башым айланып жатат... - Кумар башын мыкчып олтуруп, кыйшайып жата кетти.

Зоя дасторконун жыйып, Кумардын уктап калганына анык көзү жеткенден кийин аркы бөлмөсүнө кирип кетти. Күзгүгө келип, өзүн күзгүдөн карап турган Зоя шуу үшкүрүп алды да өзүнөн-өзү жинди болгон эмедей каткырып күлүп атып, томсоро түштү да кайрадан ыйлап кирди. Күзгүдөн өзүн көрүп, күзгү суукта үшүк алган жалбырактай бырыша баштаган беттерин эки колу менен салаалап: "Тагдырым, таалайым тайкы тура, мына бул колум менен койнумда жаткан эримдин башын кесип талаага таштабадым беле?!" деп ички бугун бир азга чыгарып алгансыган Зоя эмеле өзү шашып чечип салган кемпирдин маскасын колуна алып, көпкө карап турду да аны ары жакка ороп катып, Кумардын жанына келди.

Ал тырп этпей уктап жатыптыр. Зоя анын жанына келип жүзүнө үңүлө карап туруп, кийимин чечүүгө киришти. Ал Кумарды энеден туума жылаңач кылып туруп, анан анын денесин ырахаттана сылай көздөрүн жумуп алып, өзүнүн кийимин чече баштады.

Моокуму канганча Кумардын үстүндө ойногон Зоя көптө барып жанталаша өпкүлөп, анан жалдырай жатып калды. Шыпты тиктеп жатканча өз башынан өткөндөрүн ойлоно кетти. "Оо, ал кез кандай гана курак эле?.." Аңгыча Кумар тирүү экенин билгизип кыймылдап ары оодарылды. Ошондо иштин тетири кетип жатканын ойлогон Зоя чоочуп кийине салды да, уктап жаткан Кумарды карап: "азыр ойгонбойт" деп ойлоно сыртты көздөй жөнөдү. Эшик жапжарык, кечке маал болуп калган экен. Зоя: "азыр жарык экен" деп ойлонуп кайра үйүнө кирип, Кумардын жанына жата кетти.

Анын ою тачкини эптеп жоготуш керек болучу. Ал мындайга көнүп бүткөн. Ушуну менен төртүнчү тачкистти "олжолоп" тигинисине бермек. Ал келгенче мунун кийимин кийгизип жаткызып койойун деген Зоя Кумардын башына жаздык коюп, жаткызып салды. Улам эле анын башына өткөн жаш курагы, жасаган иштери келе берип, ою уйгу-туйгу болгон Зоя дагы үшкүрүнүп алды.

Оо, анда Зоя деген кыздын артынан кимдер гана жүгүргөн жок! Өзү каратору, көздөрү жайнап карагаттай болуп ойноп тураар эле. Көп жигиттер анын көздөрүнө арбалчу. Сүйкүмдүү кыздын жылмайышы кимге жакпасын. Мектептен классташтары кат жазып артынан калчу эмес.

Ал тургай өзүнөн улуу балдар да имерчиктеп, бир сүйлөшүүгө зар болушчу. Ошентип жүрүп Зулфия мектепти бүтүп жатканда Жаныш менен таанышып калды. Ал анча-мынча жигитти карачу эмес, анткени, көп жигит өпкө-жүрөгүн чаап жүргөнүнө эле курсант болучу. Дайым эле ушинтип эркектердин көз кырында жүрөт экенмин деп ойлосо керек. Адегенде Жанышка да анча көңүл бурган жок, үзүлүп түшүп артынан ээрчип, күндө эки-үч маал жолукса кээде күлкүсү келип, кээде жини келчү...

Көрсө, ал сүйүү дегенди анда билбептир... Бара-бара Жаныш келбей кечигип калганда аны күтүп, бир нерсе жетишпей калгансып кыжаалат боло берчү. Кээде ал: "Чын эле Жанышты сүйүп калдымбы?" деп өзүнө-өзү суроо берип, бирок, суроосуна жооп таба албай алагды болуп, ою будуң-чаң болуп, токтоно албай, ал келгенде дүнүйөсү түгөл, жадырап-жайнап ага эркелей түшчү.

Аңгыча экзамен бүтүп, бүтүрүүчүлөр мектеп менен коштошуп, окууга тапшырганы окууга, айылда калганы айылда калып, убакыт билинбей зымырап өтө берди. Бир күнү Жаныш Зулфияга келди да: "Зулфия, ата-энем үйлөн деп жатат, мен сени менен сүйлөшкөнүмдү айттым, алар "макул, алып кел" дешти", - дегенде Зулфия таң кала минтти:

- Кызык, быйыл окууга тапшыра албай калдым, келерки жылы шаарга кетип, окуйм деп жатпаймынбы?..

- Алтыным Зоя, мен сени өзүм окутуп алам, макул дечи, макул деп койчу?!

- Ата-энем эмне дейт?

- Алар эмне, баласын жамандыкка кыймак беле.

- Ошентсе деле...

- Эгер сен макул болбосоң, мен асынып өлөм, мен сени коркутуп жатканым жок, чынымды айтып жатам.

Экөө тең үнсүз жер тиктешип туруп калышты. Алар түбүндө турган дарактын жалбырактары шуудурап, эки жүрөктүн сырларын бири-бирине айтып тургандай сырдуу термелет. Зулфия көптөн кийин Жанышка күлө карады да минтти:

- Жаныш, сен антпечи, өлөм десең мен корком, антпечи.

- Сени канчалык сүйөөрүмдү, сенсиз жашай албасымды кантип билдирем? Сен мени түшүнбөй жатпайсыңбы?!

- Түшүнөм, бирок кыздардын качан өзү макул болуп алып кет дегенин уктуң эле?

Ошондо Жаныш Зулфияны жерден так көтөрө өпкүлөп жиберди.

- Мен кайдан билем, бири-бирибизди сүйсөк, анан кантип кеңешпей алып кетем, ачык айтып алып кетейин деп жүрбөймүнбү.

Жаныш андан кийин көпкө турбай коштошуп кетти да, эки күндөн кийин машина менен келип Зулфияны ала качып кетти.

* * *

Жаныш өзү милиционер болуп иштегендиктен бир орундан эки жакка тез-тез эле которулуп турчу. Ата-энеси да абдан жакшы, түшүнүктүү адамдардан экен. Зулфия баргандан ага жумуш жасатпай кыздары эле жасайт майда жумуштарды. Ал болсо эрте жатып, кеч туруп, өзү билип, өзү койгон эрке келин болду. Жарым жылга карап калганда Жаныш шаарга которулду да иштеп калды.

Экөө эки жакта жашап, Жаныш тез-тез келе албай эки-үч айда бир келгендиктен, ата-энеси кеңешип шаардан үй сатып беришип, экөөнү бөлүп койду. Жаныш аялга карамдуу болду, колуна тыйын тийсе эле баласындай эркелетип, базарды көздөй ээрчитип жөнөйт. Арадан билинбей жылдар өтө берди, бирок Зулфиянын боюна болбоду. Жаныш да, Зулфия да өз ичтеринен сызып бири-бирине билгизишпейт. Айрыкча Зулфия өз күнөөсүн сезгендей Жаныштын асты-үстүнө түшүп, түн бир оокумда турса да оокатын даярдап, астына калыңдап төшөк салып, көзүнүн агы менен тең айланчу болду. Ал жумушта жүргөндө арман кылып ыйлап-сыктап кудайдан бир перзент сурайт, бирок эч айла болбоду. Ошентип, арадан он жылдай өтүп кеткенде Зулфиянын апасы келип:

- Балам, Жанышты да, өзүңдү да кыйнабай ажырашып ал, - дегенде, Зулфия ыйлап:

- Мен аны айткан жок дейсиңби, айтып эле жатам, ал болбой жатпайбы.

- Кечинде жумуштан келсе мен өзүм айтам.

Ошентип. Жаныш келгенде кечки тамак ичилип бүткөндөн кийин Зулфия апасын карады. Анысы "сөздү баштай бер" дегендей болду.

- Жаныш, айланайын, Зоянын башын бошотуп кой эми, минтип төрөбөй да калды, ушунчаңарда ажырашып алгыла. Сен да өз бактыңа келгенин көрөрсүң, бул дагы...

Жаныш кайненесин таңгала бир топко карап туруп, анан минтти:

- Апа, ал эмне дегениңиз?

- Эмне дейин балам, сөзүмдү да таппай калбадымбы, сага катуу тийип калды окшойт. Эми, төрөбөй атканын айтам да, кеч боло электе сен да балалуу болушуң керек, сенин тууган-уругуң Зояны күнөөлөп жүрбөсүн.

- Жок, апа, андай болбойт, мен Зоя менен ажырашпайм!

- Өзүңөр билгиле балам.

Зулфия болсо экөөнүн сөзүн угуп олтуруп ыйлап жатты.

- Мен Зояны төрөбөйсүң деп айтпасам, ал эмнеге кетмек эле?

- Койдум, балам, койдум.

Ошол, ошол болду, кайрадан Жаныш ооз ачып сүйлөбөй жатып алды.

Чындыгында Жаныштын ата-энеси, карындаштары келген сайын эле айта берип жадаткан. Жаныш аларга:

- Эми мен аны күнөөлөп кетиришим керекпи? Төрөбөйсүң деп аны кемсинткеним туура эмес го? Жаш кезинде кандай сүйсөм азыр да Зулфияны ошондой сүйөм, төрөбөсө койсун, кетирбеймин, - деп койгон эле.

Ата-энеси өз жайына койгон. Бирок алар деле Зулфиядан өөн таба алышчу эмес. Качан болсо үйдү таза тутуп, зымырайып жүргөн Зулфиядан кемчилик тапмак тургай аны кээде аяп да кетишчү.

Кийинки кездерде Жаныш жумушка шылтоолоп бир эки күн жоголуп кетет, баягыдай Зулфияга үзүлүп түшпөй, өзүн андан оолактатып жүрчү болуп калды. Бир нерсени сезген Зулфия ага: "Жаныш, мен эми төрөбөй калдым, эгер көңүлүңө жаккан бирөө болсо мага айтып эле жүрө бер, эгер үйлөнөм десең да каршы эмесмин!" - деп далай жолу айтты. Ага Жаныш: "Жок, жаным, чарчап калып жатам, иш көп, эч жаман ойлобо, мен сендикмин!" - деп акырын гана өөп койчу.

Баары бир көкүрөгүндө эч кимге айтпай жүргөн бир сыр бар экенин сезчү Зулфия. Көп ойлоп, сары санаага баткан Зулфия өзүнчө: "Баары бир кетет да, экөөбүздү бириктирчү балабыз болбогондон кийин" - деп ойлоп кыжаалат болуп жүргөндө үйүнө Жаныш менен бирге иштеген Кубан деген келип калды. Ал көптөн бери Зулфияга сөз айтып жүрчү.

- Келдим, сени эле сагынып, - ал күлүп калды.

- Байкап сүйлө, сенин да, менин да үйбүлөм бар, кокус алар билип калса...

- Эй, сен болсо ала жипти аттабай күйөөңдүн көзүн карап жүрөсүң. Ал болсо кыздардан кыздарды тандап...

- Эмне деп жатасың?! Чын эле Жаныш ошентип жүрөбү?

- Жөн эле таптаза жүрөт деп ойлоп жүрөсүңбү? Жөн жүрбөй калсын.

Зулфия андан ары эч нерсе деген да жок, үнсүз гана ызасын көз жаш аркылуу чыгарып тура берди. Кубан аны сооротуп, эптеп жакындоонун амалын кыла көзүнүн жашын өзүнүн бетаарчысын алып аарчый кетти.

- Капа болбочу, ал энеңди урайынды айткам мен, "эй келесоо, үйүңдөгү аялыңдан булардын эмнеси артык?" деп.

Зулфия эч нерсе дебеди, үнсүз гана Кубандын эркине көнүп, ал кучактай диванга олтургузганда анын көкүрөгүнө башын жөлөп өксүп ыйлап жиберди. Кубан ансайын аны сооротууга аракет кылып, кучактап олтурган калыбында чекесинен өөп да алды. Азыр Зулфияга бары бир эле.

Ал күнү ошол жерде Кубан түнөп калды. Зулфия да "кет" деген жок. Болоору болуп, боесу кангандан кийин ал ага минтти:

- Кубан, сен мага Жаныштын кайда, ким менен жүргөнүн көрсөтсөң, өз көзүм менен көрөйүн, болбосо ишенчүдөй эмесмин.

- Болуптур алтыным, сен мени таштабасаң эле болду, мен аны сага бүгүн эле көрсөтөм.

Ошол күнү Кубан Зулфияныкынан кеткенден кийин жумушуна барса Жаныш жүргөн экен. Ал ичинен жым деп алды да, учурашып күндөгүдөй эле жумушуна алаксып кетти. Түш ооп калган маалда Жаныштын машинасына бир кыздын түшүп жатканын көрдү да, акырын барып өзүнүн машинасына отуруп калды. Жаныш бөлүмдөн чыгып эле эки жагын карабай рулга олтуруп жөнөп кетти. Кубан анын артынан билгизбей кете берди. Эч нерсе оюнда жок Жаныш куйрук улап Кубандын машинасынын артынан келе жатканын элес алган да жок, тек гана тиги кыз менен бирдемелерди кызуу сүйлөшүп баратты. Ал бир кезде Академиянын арт жагындагы майда көчөгө кирип, бир бийик дарбазалуу үйдүн тушуна келгенде токтоду да, машинадан түшүп, тиги кызды эшик ачып колунан тартып чыгарып, колтуктап дарбазаны ачып кирип кетишти. Кубан машинасын артка айдап, дароо эле Зулфиянын үйүнө келди.

- Жүрү, күйөөңдү өз көзүң менен көргүң келсе азыр көрсөтөм.

- Азыр... - Зулфия жүрөгү лакылдап: "эмне кылсам экен, барсамбы же барбай эле койсомбу?" деп туруп кайра бир ою: "көрсө, көрүп келейин" деди да кийинип алып Кубандын жанына отуруп жөнөп кетти.

Заматта Жаныштын машинасы турган көчөгө жетип, далдоого токтошту да, Зулфия машинадан түшүп, дарбазага келип, коңгуроону басты. Эч ким чыкпады. Зулфия артка кайрылып жөнөй бергенде эшик ачылып, соңунан көзү-башы кара, аябай бойонгон жаш кыз көрүндү. Кылчайып бурула берген Зулфия аны карай басты. Эч нерсе билмексен боло башка эле бирөөнүн атын атап сурай кетти. Кыз кичи пейил көрүнөт, жумшак гана жооп берип билбегенин айтты. Зулфия рахмат айтып эми жөнөй бергенде босогого келип калган Жаныш артка бекине берди. Зулфия көрүп калды да, таанымаксан болуп кете берди.

Канчалык өзүн кармап токтоолук кылган менен жүрөгү сыздап, "балам болсо минтпес эле" деп көздөрү жашка толуп, ызадан тамагы буула машинага келип олтура кетти. Ал олтураары менен Кубан айдап жөнөдү да тез эле Зулфияны үйүнө жеткирип коюп:

- Анан келем, - деп машинасын зуулдата айдаган бойдон жөнөдү. Зулфия бир ойго токтоно албай, "Эмне кылсам, же кетип эле калсамбы", - деп ойлоп алып кайра: "Эми отуздан ашып, кыркка караганда күйөөмдөн чыгып, төркүнүмө барсам, эл эмне дейт", - деп ар кайсы ойдун башын бир ойлоп жатып уктап кетти. Эшик такылдап, коңгуроо чырылдаганынан сыртка чыкса Кубан экен. Эмнегедир аны сүйгөн жок Зулфия. Анысын билгизбей минтти:

- Кубан, сен бүгүн үйүңө баргын, балким Жаныш келип калса...

- Койсоңчу, ал жанагы ойсокесин таштап келе коймок беле, дагы деле ишенбей турасың го ээ?

- Болоору болгондон кийин мен эмне кылмак элем, бирок ал сөзсүз бүгүн келет!

- Макул, кете берем дечи, Зоя, сен мени унутпа, мен сени кандай жакшы көрөөрүмдү билесиң да ээ?

- Ооба, бүгүн бара тур. - Зулфия азыр Кубанга жини келип турду. Ал эми үйүнө барса аялына дагы "мен сени жакшы көрөм, сени аябай сүйөм" деген сөзүн ага да кайталап айтаарын ойлогондо эркектин баарын жек көрүп кетти.

Кубанды эшикке чыгарып кайра эшигин кулптап жата кеткен Зулфия ою чаржайыт боло уйкусу келбей телевизорду сайса кино болуп жатыптыр. Бир аз көрдү да ага да көңүлү чаппай, өчүрүп, эми кыңкайып жата кеткенде коңгуроо шыңгырады. "Мына, келди" деген Зулфия эшикке жетип, бирок бүткөн бою калчылдап туруп калды.

Эч ким эшикти ачпаганынан каалганы койгулап кирди эле Зулфия эшиктин илгичин чыгарып жибергенде бет маңдайында Жаныш турган эле. Зулфия унчукпай артка басып жатак бөлмөгө кирип кетти. Жаныш да эч нерсе дебей, оозгу бөлмөгө чечинип, анан Зулфиянын артынан кирди. Зулфия ушул кезде жатып алып ыйлап жаткан. Жаныш анын жанына келип кучактап жата кеткенде ого бетер буркурап жиберди.

- Койчу алтыным, койчу, ыйлабачы, мен сени баары бир сүйөм, сени эч качан колумдан чыгаргым келбейт, мени кечирип койчу, алтыным!

Зулфия ыйлап басылган баладай соолуктап көпкө отурду да:

- Жок Жаныш, сенде эч кандай күнөө жок, мен сени күнөөлөбөйм, эгер менин бир балам болгондо эмне?.. - Кайрадан ыйлап кирди Зулфия.

Ошол күнү Жаныш болгон сырын Зулфиянын алдында төгүп олтурду.

- Зоя, Зоичкам менин, мен сенден биротоло кетпейм, болгону бир уулдуу болсом болду, баланы өзүм алып келем да, аны "кайда барсаң анда бар" деп жолго салам.

- Ошого макул болобу аның? Он ай көтөрүп омурткасы сыздаган эне баласын бирөөгө кантип бермек? Ай ким билет?

- Берет, ошентип сүйлөшкөнбүз, - Жаныш күнөөлүүдөй жер карады.

Зулфия көзүнүн жашын көл кылып, ыйлагандан башка эч нерсе деген жок. Эмне болсоң ошо бол дегендей анын сүйлөгөн сөзүн укпагандай олтура берди. Жумушка бараар маал болгондуктан ал ордунан туруп Зулфиянын бетинен өөп койуп чыгып кетти.

Ошол бойдон бир жумага чейин Жаныш үйгө келген жок. Зулфия басса-турса анын айткандарын ойлонуп жини келе баштады. Жиндини тапкан экен, анын алдаганына көнүп берген мен жинди же тууган баласын берип басып кетчү ал жинди деди, бир ою жо-жок, мен алданбайм, жөн эле кетип калсам бекен?

Ойлонуп олтуруп көзү илинип кеткен Зулфия коңгуроонун дабышынан ойгонуп кетти. Чыкса Кубан экен. Ал эшикти аттап-аттабай жатып эле Зулфияны кучактап өпкүлөй кетти. Эчтекеге көңүлү болбосо да ага каршылык кылган жок. Ал күнү Кубан үйүнө кетпей калып калды. Көптөн бери Зулфия жашоодон тажап, тагдырына таарынып көңүлү чөгүп жүргөн эле. Бүгүн Кубан көтөрө келген коньяктан аз-аздан ичип олтуруп көңүлү көтөрүлгөнсүдү. Ошону менен эле жашоо бүтүп калбасын, бала төрөй албаса деле өмүр кызык экенин ал эми сезди. Анткени ал бир күндөрдө өлгүсү келген. Эми болсо күн өткөн сайын улам эртеңи кызык көрүнүп баратты. Кубан болсо ага болгон сырын жашырбай айтты:

- Мен үйбүлөм менен ажырашпайм, жөн гана чарчаганда сен менин көңүл ачаар гүлзарым бол, көңүлүм чөккөндө угуп эс алчу шаңдуу музыкам бол, чаңкаганда суусун кандырчу муздак булагым бол, мен сенин багыңа келип чер жазайын, музыкаңа жүрөк эрите моокум кандырайын, чаңкаганда суусунумду сенден кандырып алуу үчүн келип турайын, руксат бер, алтыным! - деди Кубан.

Азыр Зулфиянын жүрөгү таштай катып, муздай тоңуп, эч нерсеге көңүлү чаппай, жашоонун кызыгы жоктой мерес болуп жүргөн учуру эле. Кубандын сөздөрүнөн кийин өзүнүн кимдир бирөөгө керек экенин билип, туюп, жаратканга ыраазы болуп көзүнүн жашын төгүп турду. Бул кубанычтын жашы эле.

Ошондон баштап Кубандын чарчаганда эс алчу жайы, көңүлү чөккөндө чер жазып алчу гүлбагы, кубанса кубанычын тең бөлүшөөр сырдашы болуп жүрө берди.

Жаныш болсо анда-санда келип оокат ашына каралашып турду.

Арадан эки жыл өткөндө Жаныш Зулфияга "уулдуу болдум" деп сүйүнчүлөп келди да, бир жумадай жүрүп калды. Бир жумадан кийин Жаныш Зоянын эки бетинен өөп анан:

- Ак жолтоюм, менин кең пейилим, мен сага ыраазымын, сенин асылдыгыңдан мен балалуу болдум, мен сага ыраазымын! - деди да чыгып кетти.

Зулфия ачууну токтотуп, арадан дагы беш-алты күн өткөндөн кийин өзү көргөн үйгө белек-бечкек алып жетип барды. Зулфия барганда үйдө Жаныш жок экен, "аялы" аны анча жактырбагандай кабыл алды. Чынында Зулфия жөн гана көрүп келем деп ойлогон. Бирок аны тигил тааныйт экен, жакшы кабыл албады. Сүйүнүп, Жаныштын баласын өз баламдай боорума кысам деп ойлоп барган неме эми жүрөгү муздап кайтты. Жанышты көрсө бир ызасын чыгаргысы келип үйүнө келсе Кубан тосуп алды. Буулугуп зорго турган Зулфия Кубанды кучактап ыйлап жиберди. Кубан аны сооротуп, өзү алып келген этти газга кууруп, бир бөтөлкө вино алып келди да, көңүлүн ачууга аракет кылып жатты. Зулфия болсо азыр Кубанды да көргүсү келбей, кетирип жиберди. Түн бир оокумга чейин ыйлап-сыктап уктай албай олтурганда эшиктин коңгуроосу басылды. Сыртка чыгып эшикти ачса Жаныш турат. Мас, өтө ичип алыптыр. Зулфия ушунча жашап Жаныштын мас болгонун көргөн эмес. Үйгө киргенден кийин Жаныш:

- Зоя, Зоичкам, эмнеге бардың, барбай эле койбойсуңбу! - деди.

- Эмне, барып сенин балаңды көрүп келгеним катуу тийдиби, "төрөп берип эле өз жолуна түшөт, баланы экөөбүз багабыз" дебедиң беле?

- Зулфия, сен мени түшүнсөң, аны мен сага айткам, ошентип баланы алып калып аны кетирип жиберем деп ойлогом.

- Эмнеге кеңешпей туруп, ойлогонуңду мага айтасың, андай болсо биротоло кет! Эгер үйүңдү талашкың келсе, мен эртең эле бошотуп берем!

- Жок, жок алтыным, мен сенден үй талашпайм, сени кыйбай жатпаймынбы, экөөбүздүн ортобузда бир эле перзент болгондо мен эч жакка кетмек эмесмин.

Зулфия шолоктоп ыйлап олтурду. Бир маалда Жаныш тура калмак болгондо колуна зажигалка менен бет аарчы урунду. Ал Кубандыкы эле.

- Эй Зоя, бул кимдин зажигалкасы ыя? Ушу сен бул үйгө менден бөлөк бирөөнү киргизип жүрөсүңбү?

- Эмне, сен аял алып алсаң деле мен сени күтүп жүрө беремби?

- Эй акмак, мен али сени менен ажыраша элекмин да, закондуу түрдө сен менин аялымсың, билдиңби?!

- Мен кандай жүрөм, ким менен болом, өз ишим, жанымда эрмек болоор балам болбосо төрт дубалды карап жалгыз жата бермек белем?

- Ий-и, ал ким экен менин төшөгүмдү тебелеп, сени зериктирбей жаткан, билсем болобу?

- Өзүм да тааныбайм.

- Эй катын, сен көпкөн экенсиң, эгер дагы бир бирөөнүн жытын билчү болсом менден жакшылык күтпө!

- Билгениңди кыл, сенден корко турган алым жок!

Жаныш ошондо негедир жини келип кетти да, Зулфияны колдон алып туруп өзүнө тартып жаактан ары чаап жиберди. Зулфия тилин тартпай айтыша кеткенде Жаныш мастыгына салып аябай уруп туруп кетип калды. Башын көтөрө албай жаткан Зулфия Жанышка кекенип алды: "Сени шашпа, башыңды гана кесип салбасам!" Ал ошентип өзүнө өзү шерт кылып, катуу ызаланып жатып араң өйдө болду да, эптеп диванга жетип жата кетти.

Эртеси кечинде кайрадан Кубан кирип келди. Зулфияны көрүп чоочуп кетти. Иштин чоо-жайын уккандан кийин Жанышка ал дагы кекенип алды. Ойлонуп туруп Зулфияга минтти:

- Зоя, эгер макул болсоң, азыр ооруканага алып барайын, сразу ишин сотко өткөрөбүз!

- Жок Кубан, кереги жок, аны менен өзүм зсептешип алам.

- Макул, өзүң бил, жаным.

Ал күнү да Кубанды анча жактыра берген жок, жалгыз болгусу келди. Аны сезген Кубан коштошуп чыгып кетти. Ал Зулфияны чын дилинен жакшы көрчү. Бирок ал жакшы көргөн адамың менен алыс жашаган жакшы деп ойлочу, анткени жакшы көргөн адамың менен бирге жашасаң бир нерседен улам таарынычтар көп болот эмеспи. Сыйлашчу адамың менен анда-санда жолугуп турсаң сагынышып каласың да, жолукканда бир-бириңди зарыга күткөнүңдү билесиң.

Зулфия да Жанышты эсинен чыгара албай жүрүп, Кубандын өзүн жакшы көрөөрүн да жакшы билбейт, ага көңүл да бура элек. Ал кээде түнөп кеткенде аялдык гана милдетин аткарып жатканы болбосо ага толук бериле албады. Жаныштын урганына ызаланып, ооруган эти басылса да ызасы кетпей жүргөндө Жаныш келип калды. Зулфия аны аябай жакшы тосуп алды да, тамак асып, коньяк куюп абдан сыйлады. Чынында Жаныш аял алып кеткенден бери үйдөн даам ооз тийиши ушул эле. Ара чолодо Жаныш Зулфияга тигил аялынын кетпей аткандыгын, баласынын өзүнө окшош экендигин кеп кылып келип:

- Алтыным, мен сени эч кимге ыраа көрбөйм, сенден эч качан ажырабайм дагы, эгерде сен менден өзүң кеткиң келсе мага таарынба! - деди.

Экөө тең кызый баштады. Зулфия Жаныштын ар бир сөзүнө жини келип жатты. Бара-бара кызыган сайын көзү кызарып, ачуусу келип Жанышка ызырынып жатты. Жаныш мас болсо да митайымдык кылып Зулфияны эркелете кучактап төшөккө алып барды, көптөн берки сагынычтарын жазып бир кумардан чыкты. Зулфия өтө кызуу болчу. Жаныш тез эле уйкуга кетти.

Аны жанына катар жаткан Зулфия эч бир уктай албады. Көзү илинсе эле чоочуп ойгонот. Өзү кызуу болсо да аны кимдир бирөө кылмышка түртүп жатты. Бир маалда ордунан шамдагайлык менен турду да: "Мени өз жайыма койбосо, же мени менен жашабаса баары бир өлтүрүшүм керек!" деп ашканадан курч бычакты алып келди да эч капарсыз жаткан Жаныштын жанына келип чөгөлөй олтура кетти да көзүн жумду. Көпкө олтурду. "Бол эртерээк, таң атканча жайлап сал!" десе "кой эртең азап тартып түрмөдө жүрбө!" деп башы тумандап эмне кылаарын билбей Жаныштын жүзүнө тик карап туруп өйдө болду да ашкана жакка барып бычакты өз ордуна коюп туруп өңгүрөп жиберди.

Зулфия бул жолу максатын ишке ашыра албады. Бирок: "Баары бир мен муну жайлайм" деген ойдон кайра тартпады. Эртең менен Жаныш турганда Зулфия ашканада жүргөн, ордунан туруп жуунуп келип аарчынып жатканда Зулфия табак толо плов көтөрүп жетип келди эле, Жаныш аны кучактап өпкүлөп анан дасторконго олтурду. Экөө жай олтуруп тамактангандан кийин Жаныш жумушка кетти. Зулфия андан эч нерсе деп сураган жок. Качан келсе ошондо келип өзүн мага көрсөткүсү келип жүргөн го, мен сага жөнөкөй аял эмесмин, төрөбөй калсам эле мени ушинтип кордогусу келген го, төрөгөн аялы менен тиякта тайраландап, анан мага келип... Шашпа, сениби! Көптөн бери Кубан да келе элек, Ал азыр Кубанды көргүсү, ага кеңешкиси келди, баары бир Кубандан дайын дарек болбой баратты. Зулфия эриккенинен көчөгө чыкты да дүкөндү көздөй басты. Эми дүкөнгө көргүсү келип кире бергенде анын алдынан бирге окуп, бир кезде кат жазып жүргөн классташы чыга калды. Ал Зулфияны көрүп, эле:

- Ой, кандайсың, денсоолуктар жакшыбы? Бала-чака кандай, небере-чөбүрөлөр... - деп ал жай сурап калды. Жакшы эле күлүп-жайнап учурашып келе жаткан Зулфия "бала-чака, неберелер" дегенде жүрөгү туз куйгандай ачышып, томсоро учурашты классташы менен. Анын заматта өңү өзгөрүлө түшкөнүн байкаган классташы андан ары көп сүйлөбөй калды. Экөө көпкө суз гана ал-жай сурашкандан кийин Зулфия кетүүгө камынып коштошо баштаганда ал:

- Жыйырма беш жылдан бери көрүшпөй бүгүн көрүшсөк, анан кантип бир белгилебей басып кетебиз?

- Менин азыр эч нерсеге көңүлүм жок.

- Эмнеге, эмне үчүн болбосун, бир кезде сенин артыңдан ээрчип кат жазып жете албай калган элем, эми тагдырды карачы, экөөбүз тең кырктан ашканда кезигип олтурабыз. Ошондо эле текебер элең, азыр деле ошондой окшойсуң, мен сени эч жакка жибербейм, күйөөң келсе да айтам, классташ деген кандай жакшы...

Ал дүкөнгө кирип бир топ тамак-аш, импорт арактан алды да, Зулфияны акырын колтуктап жөнөгөндө Зулфия:

- Кайда алып барганы турасың? - деди.

- Кайда болмок эле, ашканага барабыз!

- Жок, бул жерде менин үйүм бар, үйгө эле баралы, - деди.

- Анда макул, мен сенин айтканыңа каршы болмок белем, жол башта.

Экөө ээрчишип аркы-беркини, окуп жүргөндөгү окуялардан кеп кылып отуруп бат эле Зулфиянын үйүнө келип калышты. Зулфия классташынын атын да унутуп калыптыр.

Көптө барып атын эстеди, анын аты Кармыш эмес беле.

- Кармыш, кир үйгө, жай олтуруп сүйлөшөлү, - Зулфия эшик ачып Кармышты алдыга киргизип өзү артынан кирди да, аны олтургузгандан кийин газга чай коюп, чай кайнаганча дасторкон үстүн жайнатып, колунда барын көрсөтүп жатты. Арыдан-бери чай кайнап, экөө кеп-сөздүн арасында Кармыш келин алып, неберелүү болуп калганын айтып олтурду. Кармыш ичинен "жашоосу бул экен, бала-чакасы кайда болду экен, дегеле бала ойногон үйдөй эмес, же бирди-экини төрөсө чоңоюп окуп-чокуп кеткендир" деп ойлоду. Аңгыча арактан аз-аздан алып сүйлөшүп олтурганда Зулфия:

- Менин жашоом кудайга шүгүр, баары бар, күйөө, ойношум... - унчукпай калды да көптөн кийин - болгону кудай менден перзентин, бир тоголок кызыл этин аяды! - деди оор үшкүрүп. Кармыш ошондо гана баятан берки өзүнүн суроосуна жооп алды. Анан Зулфиянын көңүлүн көтөрө минтти:

- Зулфия, капа болбочу, мына минтип жашооң ойдогудай экен. Бала эмне, баланын атасынын оозун урайын, балалуу болуп алып бага албай жүргөндөр канча.

- Ошону айтсаң, ошол бага албай жаткан балдарынын бирин эле мага берип койгондо эмне?! - Зулфия көзүнүн жашын көлдөтүп алып кайра ойлонуп: "Эмне, бир көргөн классташыма.. " - деп алды.

Ал тез эле көзүнүн жашын аарчып алып, күлө бага:

- Ал Кармыш, чайдан алсаң, алчы тамактан, алып олтурсаң. Мен сени коноктобой эле арманымды айтып жиберген турбайынбы, - деди да өзү туруп барып серванттан коньяк көтөрүп келди.

Кармыш:

- Ай, кой, болот мынабу, күйөөң келгенче экөөбүз мас болуп калсак болбойт го, - деди сактанып.

- Келсе келер, сен менин үйүмдө олтурганда эч нерседен коркпо, мен жооп берем баарына!

- Коркпойм го дечи, бирок...

- Эмне бирок, эч качан коркпо!

Негедир Зулфиянын жүрөгүнө бир ачуу ыза орноп, ал таптакыр тарабай кыжаалат боло берди. Азыр, Кармыш менен олтурганда Жаныш келип калса деп ойлоп жатты.

Кармыш Зулфиянын күйөөсү милиция кызматкери экенин билчү. Ошон үчүн унчукпай сый-урмат менен олтура берди. Түн бир оокум болгондо Зулфия Кармышка сыртка, чарпаясына төшөк салып берди да, өзү үйгө жатты. Эртең менен эрте турган Зулфия конок камын көрүп, анын туруусун күтүп калды. Бир маалда өзүнүн уктап калганына уяла түшкөн Кармыш ордунан шаша турду да, кийинип, жуунуп чайга олтурду. Чайдан кийин Зулфия Кармышты узатып коюп үйдө кечке жатты, кылаарга иши жок. Башын тумандаткан ойлор биринин артынан бири келип тынчтык бербей, Жаныштан өч алгысы келет.

"Ажырашып кеткенде эмне?" деп ойлоду ал. Ар кайсы ойлорго берилип олтурганда коңгуроо басылды. Зулфия чыга калса Кубан экен. Ал кирип эле Зулфиянын бети-башынан өпкүлөп туруп эшикти илди да, Зулфияны жерден так көтөрө диванга алып барды. Моокуму кангыча өөп-жыттап, аймалап бүткөндөн кийин: - Сен мени сагындыңбы деги? -. деди.

- Жок, мен эч кимди сагынбайм. Сенин эки бөлүнүп турганыңды билип туруп сагынмак тургай таштай катып, суудай тоңуп баратам!

- Антпечи, алтыным, ал эмне дегениң? Мен сендикмин, болгону балдарымды кыя албайм!

Кубан көтөрүп жүргөн кичинекей сумкасынан сөйкө, шакек, цепочка алып чыкты да, Зулфияга сунду.

- Эмнеге келбей жүрдүм, билесиңби?

Зулфия анча маани бербеген түр көрсөтүп, Кубан берген алтындарды ары сала, бери сала карап көрүп, ырас эле алтын экенине көзү жеткенден кийин:

- Деги бул белегиң өлгөн аялдыкы эмеспи? - деп сурап койду. Кубандын жүрөгү "болк" этип кетти. Анткени буларды ырас эле кандуу окуядан кийин ошол үйдөн алышкан эле.

- Жок, кайдагыны сурайсың да, сага деп эле алып келгем.

- Ырахмат, эгер чын эле мен үчүн алып келген болсоң.

Экөө көпкө чейин тамактанып да, сүйлөшүп да олтурушту. Алар сүйлөшүп жатып кыйкырышканга да барышты. Акыры экөө бир сөзгө келгендей болду. Кубан бир маалда сумкадан бир нерсени алып Зулфияга көрсөттү да:

- Мына муну пайдаланасың, эгер бирөө көрүп калса "ал менин апам" деп кой да, өзүңдүн ишиңди аткар. Бизге көбүнчө шамдагай балдар керек, уктуңбу?

Зулфия Кубан кеткенден кийин өзүнүн тагдыры кандай жакка бурулганына көзү жетпей, Жанышка ого бетер жини келип жатты: "Эгер ажырашып кеткенде мен өз ишимди кылмакмын". Ал Кубан таштап кеткен масканы колуна алды да "кийип көрөйүнчү" деп башына кийди эле, бир заматта өзүнүн маңдайында саксайган кемпир пайда болду.

- Болду, - деди, - эми артка кайтууга болбойт!

Кубан кийинки кездерде өз жумушунан сырткары талап-тоноочулукка өтүп кеткен эле. Аны өзү менен иштеген лейтенант жолдош баласы азгырып туруп алды. "Элиң бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол" дегендей, Кубан а дегенде ошолор менен иштеп келген. Анан кетеринде Зулфияга тапшырма берип жатып минтти:

- Зоичка, сен эстүү аял эмессиңби, мени уят кылбай базарлардан бир тири карак, айрыкча алибеттүү жигиттерди колго түшүрүп бер!

- Кантип? - Зулфия чындап эле андан түшүнө бербей сурады.

- Кантип болмок эле, - ал ооз жакты карап эшиктин кулптануу экенине көзү жеткенден кийин гана, - Сен алдагы кемпирдин маскасын эмне кылам деп ойлоп жатасың? Ошону пайдаланасың да!

Зулфиянын кулагына Кубандын айткандары кайра-кайра угулуп, колундагы кемпирдин маскасын кармаган бойдон күзгү алдында тура берди...

Эртеси эле ал базарга барып, эски-түскү сатчу базардан кийим сатып алды да, өз ишин аткарууга киришти. Ал кийим кийип, масканы тагынганда кадимки сокур кемпирдин өзү болуп калды да, колуна таяк алып, эңкейип басканда андан эч ким шек санагандай болгон жок. Ал базарга келип капустанын кабыктарын терип, мүшөккө салды да, тачкистти чакырды. Арыда жумуш жок топтошуп турган тачкисттердин бири келди да:

- Эне, каякка барасыз? - деди.

- Бул эле жерге, балам, мени кошо салып аласыңбы? - Макул эне, бирок ага да төлөйсүз.

- Болуптур, анда кеттик.

Ошентип биринчи олжосун колго түшүрүп келе жаткан Зулфия ар кандай ойго түштү. "Муну эмне кылат болду экен? Кубан келгенче кантип токтотом?" - деп ойлонгон Зулфия бир нерсе эсине түшө жылмайып алды. Ал уйкунун дарысы эле. Тачкист абдан олбурлуу, эпсиз локуйган эме экен.

Дарбазасы бийик заңгыраган үйдүн жанына келгенде кемпир колун жаңсап токтотту да, түшүүгө аракет кылып калганда тачкист аны колтуктап түшүрдү. Кемпир дарбазасын ачып, тачкистти ичкери киргиз дегендей ишарат кылды. Өзү астыга басып үйүнүн кулпусун ачууга киришти.

Тачкист "бул үй оңой адамдын үйү эмес го" - деген ойго келип мүшөктү түшүрдү да, кемпирди күтүп туруп калды. Кемпир эшигин ачып туруп минтти:

- Уулум, "куттуу үйдөн куру чыкпа" деген. Ысыкта суусаган деле чыгаарсың, даам ооз тийип, суусун жутуп ал.

- Чаңкаганда арга канча эне, иштеш керек, сизге чоң ырахмат, тим эле коюңуз, андан көрө тыйын бере салсаңыз кетип калайын.

- Жок балам, ушунча келип даам ооз тийбей кетсең болбой калбайбы.

Тачкист эшикти аттап кире бергенде эле босогодон баштап төшөлгөн килемди көрүп, үй ичинин зыңгыраган жасалгасына таң кала босогодо карап туруп калды. Анткени кечээ эле күн жаап басылгандыктан жол ылай болуп, бут кийиминин тешигинен суу кирип буту суу болуп былчылдап калган эле. Ошол бойдон килемди басуудан тартынып туруп калды. Аңгыча табакка нан, чоң чыныга чалап алып кемпир келип калды.

- Ой кокуй күн десе, али үйгө кире элексиңби? Кир, кирип бир аз көчүк басып суусун жутуп ал.

Тачкист унчукпай босого тарапка көчүк басып олтурду да, нандан ооз тийип, чалапты кылкылдата жутуп кирди. Кемпир болсо анын чалап жутуп жатканын жылмая карап турду. Тачкист чалапты жуткандан кийин эле дубалга жөлөнүп олтурган калыбында чарчагандай көзүн сүзө үргүлөп баратты. Аны көргөн Зулфия дарынын касиетине сүйүнө сыртты көздөй жөнөдү да, дарбазасын бекитип, тачканы короонун далдоо жагына түртүп алпарып койду. Үйгө кирсе тачкист эбак эле коңурук тартып кириптир. Арыдан-бери кийими менен масканы чечип беките салган Зулфия телефон чалып Кубанды чакырды. Ал келгенче мындай ишти жасап көрбөгөн Зулфиянын жүрөгү "дүк-дүк" согуп коркуп жатты. Качан Кубан келип сигнал бергенде гана дарбазаны ачып, машина короого кирери менен каалганы кайра жаап Кубандын жанына жетип келди. Кубан "олжосун" көргөндө Зулфияга ыраазы боло колуна бир пачка акчаны карматты да:

- Эгерде дагы ушундай иштеп турсаң бул акчадан эки эсе көп алып турасың, - деп өөп койду да, машинага тигини салып жөнөп кетти. Ал кеткенден кийин Зулфия "өх-х" деп алды. Эртеси эле базарга барып радиоузелден "тачка сатам, акчага зарыгып турам" деп тачканы арзан баада сатып жиберди. Ал эми базарда тачкисттин тачкасын сатып качып кеткени тууралуу сөз болуп жатты. Тачканын ээси гана күйүп-бышып кала берди. Тачканын же тачкисттин дайыны билинбей унутулуп калды.

Арадан эки-үч ай өткөндө Жаныш келди. Зулфия да аны жакшы кабыл алды. Жаныш мурункудай суз болбой, жаңы үйлөнгөндөгүсүндөй Зулфиянын жанынан чыкпай өөп-жыттап:

- Жаным, мен сени мурункудай эле сүйөм, сагындым, сенсиз жашоо мага кыйын болуп баратат, - деп жалынып-жалбарып жатты. Зулфия ансайын ичинен жини келе, ага кыжыры кайнап, негедир өзүн башкача сезип, кандайдыр бир көрүнбөгөн күч аны кылмышка түртүп жаткандай: "Сөзсүз жайлашым керек, же дагы күтсөмбү, балким жөн эле мени алдап тигил аялынан чыга албай койсочу? Жаш болсо. Бала төрөп алды, аны кайдан таштамак эле?" - деген ой анын мээсин көзөп, улам-улам сустайган келиндин элеси көз алдына келе калып "ошол шүмшүк ушуну кетирбей калсын, эптеп бир шылтоо айтып, аны да алдап, анан мага келип жүрөт да" деп ойлогон Зулфиянын чындап ачуусу келе өңү бозоруп, мууну калтырап чыкты. Аны көргөн Жаныш эч нерседен шек албай эле:

- Эмне, бир жериң ооруп турабы? - деп Зулфиянын чекесин алаканы менен басты.

- Ооба, ооруп турам, - Зулфиянын үнү кекетип жаткандай чыкты, - олтура тур, көптөн бери келбей да кеттиң, бирге отуруп тамактаналы, тамак асайын.

- Макул жаным, деги сендей боло албайт экен ал. Болгону мага бала таап берди, аны мен сени сүйгөндөй сүйө албадым.

Арыдан-бери тамак жасап, стол үстүн жайнаткан Зулфиянын ою дагы эле уйгу-туйгу болуп жатты. Эмнегедир эле Жанышты өлтүрүп салгысы келип, ага болгон ишеничи өчүп, аны көргүсү келбей баратты.

Экөө тамактанып жатып кичинеден коньяк ичип олтура беришти. Ошол учурда экөө тең кызып калган эле. Ачуусу келген Зулфия:

- Жаныңды жеп калп айтканды койчу, мени таштап кеткениң качан? Эмне мынча актанасың? Азыр сенин балаң да, аялың да бар, сен мени көп эле басынта бербе! Ал төрөгөн аялыңды кайдан таштамак элең. Мен сага бир жолу ишенбедим беле, же калппы? - деди.

- Эмне кыл дейсиң эми, уулумду таштап сага келейинби?

- Мен сени уулуңду ташта дегеним жок, өзүң айтпадың беле, берсе эле өзүң багасың, ал таштап кетет деп, ошондо бир ишенгемин, эми мен сага ишенбейм! Келген сайын эле калп жалынып келбечи, менден жаш, бала төрөп берген аялың турса.

Зулфия ыйлап жиберди. Чукулдашып бүтүшкөндөн кийин кайра бир бөтөлкө аракты бузуп койду Зулфия. Аз-аздан алып олтурушуп кызып калышты да, бири-бирин күнөөлөп, сөз талашып жатышып өтө кызып калган Жаныш Зулфияны кучактап жата кетти. Көпкө чейин алышып, бири-биринен ырахат алып кадимкидей эс ала түшүшкөн эмелер төшөктүн эки четинде сулап жатты.

Жаныш тез эле коңурук тартып уйкуга кетти. Зулфиянын уйкусу келер эмес. Канчалык кызуу болсо да өз оюнан кайтпай, "эмне кылсам, колумдан келеби, алым жетеби?" деген суроолор мээсин жеп жатты: "таң, атып кете электе эртелеп жок кылайын!" деген Зулфия ашканага чыгып курч бычакты алып келди да, Жаныштын жанына келип анын жүзүнө бир топко чейин карап отурду. Жөн олтурган жок, биринчи жолуккан кезин, баш кошушкан күнүн, Жаныштын өзүн кандай сүйөөрүн ойлоп, акыркы кезде таптакыр башкача болуп кеткенин, келип жалынып-жалбарганын ойлоп жини келип, ого бетер жаалданып алды да, кайра туруп, ашканага чыгып балтаны көтөрүп кирип келди. "Оо Кудай, өзүң кечире көр!" деп балтаны кырынан уктап жаткан Жаныштын моюнуна шилтеп калды...

Бетине чачыраган канды аарчыган Зулфия: "муну жоготуш керек, кайда алып барып таштасам?", деп ойлонуп; көпкө турду. Таң атып кетпесин, анда эле иштин бүткөнү шаша-буша жаман мүшөккө Жаныштын денесин салып, башын бычак менен ажыратып алды да, мүшөктү арабага салып, улам эки жакты карап бараткан Зулфиянын жүрөгү лакылдап "бирөө байкап калбаса экен" деп чочуду. Канча жол жүргөнүн ким билет, таң агарып баштаганда БЧКнын жээгине жетти. Көпүрөдөн өтө түшүп дагы бир аз баса түшсө ал жерде таштанды төгүлгөн жер бар экен. Зулфия мүшөктү түшүрүп таштандынын үстүнө чыкты да, аралаштырып кирди.

Ала келген масканы кие салды да, таштанды терген болуп жатып мүшөктү жаап, ал жерден бөтөлкө издеп баклашкадан он чактыны салып алып үйүн көздөй жөнөдү. Үйүнө келип башты целлофанга салып подвалга киргизип бекитти. Үйдүн ичин жууп тазалап кан болгон төшөктөрүн дагы подвалга "жашыра турайын" деп киргизип койду. Бул подвалды үй сатып алганда эле Жаныш экөө тең көргөн. Ушул убакка чейин аны жан адам билбейт. Үй ичин желдетип кан жыты калбасын деген Зулфия мончо жакты да, түшүп жуунгуча жыт билинбесин деп бүргө дары сээп анын артынан духи чачып салды.

Мончодон чыккан Зулфия подвалдагы кан болгон мүшөктү өрттөп салайын деп алып чыгып, бөлүп-бөлүп мешке салып жатты.

Ошондон эки күндөн кийин эле Жаныштын өлүгү таштандыдан табылганы тууралуу угуп калды. Жаныштын иштеген жерине барды. Ал жерде Жаныштын эмне болгонун жашырбай айтып берди Зулфияны тааныган бирөө. Акырында минтип сурады:

- Сиз аны менен канчадан бери жашабай калдыңыз эле?

- Эки жыл болуп баратат! - Зулфия эч солк этип койбой жооп берди.

- Анда бара бериңиз, изилдеп атышат, табылып калаар!

Зулфия: "табылып калаар" деген сөздү укканда ичиркенип алды. Жалт бурулуп жөнөй бергенде алдынан Кубан чыга калды. Аны көргөндө эрээркеп кеттиби же, коркунуч бийлеп алгангабы, ыйлап жиберди. Кубан жөн гана иштешкен катары Зулфияга көңүл айтып жөнөтүп жиберди.

Кубан ошол күнү кечинде Зулфияга келди да, Жаныштын денеси табылып башы жок экенин айтып олтурду.

- Аны ким өлтүргөндүгүн таба турганбы? - Зулфия Кубанды караганда анын көздөрү жалжылдап кеткен экен. Кубан анын көзүнөн көзүн ала качып ордунан турду да, ары-бери басып кирди.

- Кайдан билем, ким билет аны ким өлтүргөнүн, башын алып кетишиптир, аны эмнеге алып кеткендиги белгисиз болуп жатпайбы!

- Чын эле башын эмне кылат болду экен? - деген Зулфия беш-алты күндөн бери подвалда жаткан башты ойлоду.

- Чындыгында Жаныш чесный эле көрүнчү, андай эле шектүү ишке барчу эмес, анан аны ким өлтүргөнүнө таң калып атам.

- Издесе табылаттыр, кантип эле киши өлтүргөндөр кутулуп кетсин?! - Зулфия Кубанды суроолуу карады.

- Кармалбай кетиши да мүмкүн, шектүү эч ким болбой жатпайбы!

Ошол бойдон Зулфия унчукпай өз ою менен алек болуп атты. "Балким мени текшерип калсачы, бир жакка кете турсамбы, подвалдагы башты эмне кылам?"

Бирок, опер топ кылмышкерди башка жактан издеп жатты. Жаныштын кийинки аялынан сурашты эле ал "билбейм" дегенден башка сөз айта албады.

Акыры Зулфияга да келди бир күнү милиция. Адегенде жүрөгү оозуна тыгылып "өлдүм" деп алды да, өзүн кармана:

- Келгиле! - деди утурлай.

- Сиз Жаныш Сабировдун аялы болосузбу?

- Ооба, мурунку.

- Аа-а сизден кийин аял алган турбайбы, ажырашкан белеңер?

- Жок, ажырашпай эле аял алып алган.

- Сиздин үйгө ал келип турчу беле?

- Адегенде бир жумада бир келип турчу, андан кийин айлап, анан биротоло келбей да калган.

- Эмесе бөлүмгө барып болгонун болгондой айтып бересиз. Акыркы жолу качан көргөнүңүздү. Чыныңызды айтсаңыз эле болду, балким кылмышкер табылып калаар.

- Болуптур барса барайын, аны көрө элегиме эки айдан ашып кетти.

- Болгонун айтасыз да. Сизде эмне күнөө, канча балаңыз бар?

- Балабыз жок айланайын, ошон үчүн аял алган да!

- Аа-а түшүнүктүү, тиги аял төрөп берди беле анан?

- Ооба бир балалуу болгон.

- Жаныш байке баласын чоңойтконго үлгүрбөй арманда кеткен экен да анда.

Зулфия ушул жерден чындап эле ыйлап ийди.

- Ооба, ошентти...

- Ыйлабаңыз, сизге эч тиешеси болбогондон кийин коркпоңуз.

- Эмнеден корком? - Зулфия ичинен "солк" этип алды, - Он беш жыл жашап балалуу болбодук, ошого ыйлап жатпаймбы!

- Макул анда эже, мен сиз менен көпкө сүйлөшүп калдым окшойт, эртең саат тогузда барып калыңыз!

- Барам, сөзсүз барам, - Зулфия "ох" деп үшкүрүнүп алды. Эртеси Зулфия бөлүмгө барганда кечээги жигит тосуп алды да, бир кабинетке киргизди. Ал жерде олтурган ак чач майор:

- Келиңиз, олтуруңуз, - деди. Зулфия олтургандан кийин: - Сиз Жаныштын аялы болосузбу? - деди.

- Ооба, аялы болчумун, ал эки жыл мурун башка аял алып алган.

- Сиздин макулдугуңуз мененби?

- Жок, адегенде ыйладым, сыктадым, аял болгондон кийин болот экен да, акыры өзүм төрөбөгөндөн кийин макул болдум.

- Балаңар жок беле?

- Ооба, он беш жыл жашап балалуу болгон эмеспиз, ошон үчүн.

- Акыркы ирээт аны качан көрдүңүз эле?

- Ал адегенде бир жумада бир келип турчу, андан кийин бир айда бир келип, акыры такыр келбей да калган.

- Акыркы жолукканыңарда урушкан жок белеңер?

- Эмнеге урушмак элек, келип түнөп эле кетип калчу, көрбөгөнүмө үч айдан ашты.

- Анын өлгөнүнө кайгырдыңызбы же кубандыңызбы?

- Эмнеге кубанмак элем, мындай суроону кантип берип жатасыз? - Зулфия ыйлап жиберди.

- Кечирип коюңуз, бара берсеңиз болот!.

Зулфия ал жерден чыгып үйүнө келди да, эшиктерин бекемдеп туруп подвалга түштү. Целлофандагы башты ала койойун десе целлофан баштык кыймылдап кетти. Бакырып жиберген Зулфия өзүн токтото акырын барып караса баштык ичинде жылан жүрүптүр. Көрсө, эбак эле баштын сөөгүн калтырып жылан менен курт-кумурска толуп алыптыр. Зулфия башты көрүп алып ботодой боздоп ыйлап жатты. Ал бугун чыгара ыйлап алды да, акырын башка жакындап баратты. Ал жетип калганда ичинде жүргөн жылан кадимки кишидей башын өйдө көтөрүп Зулфияны караганда Зулфия андан сестенип, артка кетенчиктеп олтуруп тепкичке жетти. Сыртка чыгып подвалдын оозун бекем жаап жигин билгизбей бекитти. Ою уйгу-туйгу болуп кайрадан ыйлап кирди, ал "башты эмнеге алып калдым экен, аны жылан уялаганын көрбөсөм болот эле го!" деп дагы өзүн өзү күнөөлөп жатты. Зулфия ыйлап жатып уктап кеткен экен, түшүндө Жаныш келиптир. Ал кадимки тирүүсүндөй эле: "Зулфия, мен уулумду сагындым, сен аны көрүп жүрөсүңбү? Уулума сен жардам берчи!" - деп капалуу сүйлөп жатканда Зулфия чоочуп ойгонду. Көрсө коңгуроо чырылдап жаткан экен. Жүрөгү лакылдаган Зулфия сыртка чыкса Кубан туруптур. Кубан үйгө кирди да:

- Бүгүн чоң "операция" болот, баягы сен алып келген жигит шумдуктай "опытный" экен, үйрөтүлгөн, даяр экен!

- Деги силердин ишиңер кандай иш, антип уурдабай эле "жумуш таап берем" деп эле чакырсаңар болбойбу? Мага берген акчаны ошолордун бала-чакасына берип койбойт белеңер!

- Жок, андай болбойт! Сен менден экинчи антип сураба!

- Койдум-койдум, деги ошол ишиңерден зыян тартпасам эле болду.

- Эч качан зыян тартпайсың!

Экөө көпкө чейин сүйлөшүп олтуруп, ал кетеринде Зулфияга минтти:

- Зулфия, сен дагы бирди тап, мүмкүн болсо баягыдай "здоровый" болсун, макулбу?

- Макул.

Зулфия Кубан чыгып кетери менен эшигин бекитип жата кетти. Ал негедир шалдырап эч нерсеге көңүлү келбей, эмеле көргөн түшүн эстеп алып ыйлап кирди: "Эмнеге ушул ишке бардым экен, мен аны жакшы көргөнүмдөн эле өлтүрүп койдум ээ? Кудай ай, байкушум ай!!!" деп ичинен ачуу чыңырып алды Зулфия. "Оо. Кудай, кечире көр мен бейбакты, жакшы көргөнүмөн башкага ыраа көрбөй..." Ал ойлуу бир топко олтуруп анан кайра: "өзүнөн көрсүн! Жөн келип кетип жүрө бербей: "сени сүйөм, сенсиз жашай албайт окшойм" деп алып кайра кетсе айлап жоголот, тилиңден таптың! Мен эми сенин баш сөөгүн менен жашайм өлгөнчө, билдиңби!!!" Эчкирип ыйлаган бойдон диванга кулады да үнүнүн баардыгынча өкүрүп-өксөп жатты.

Ал Жаныштын өлгөнүн бүгүн коштоп, ал үчүн бүгүн күйүп-бышып, болгон ички бугун чыгарып жатты.

Көптөн кийин ордунан туруп, жуунуп келди да, өзүн ирээтке келтирип кийинип алып, таксиге олтуруп Жаныштын аялына жөнөдү. Баягы дарбазага келип коңгуроону басты эле көптөн кийин анын аялы эшикти ачты. Бир азга Зулфияны тиктеп туруп анан:

- Кириңиз! - деди. Зулфия унчукпай кирип босогого жеткенде токтоп калды эле тиги алдыга өтүп эшик ачты да, Зулфияны үйгө киргизди. Зулфия төргө өтүп олтуруп эки жагын карап баланы издеди. Бирок бала көзүнө көрүнгөн жок.

- Бала кайда? Чоңоюп жатабы?

- Аны мамама берип иштейин деп жатам, эмчектен чыгарганга алып кетишти.

- Араң эле үч ай болсо, эмнеге үч айлык баланы эмчектен чыгарганы жатасың, эгер сен мени туура түшүнсөң, мен эле багайын, сен иштей бер!

- Мамамдар менен сүйлөшөйүн.

- Мен сага да, Жаныштын баласына да жамандык кылбайм, менден баланы ала качпа, Жаныштын баласы менин балам!

- Ойлонойун, мен сизди жамандык кылат деп ойлобойм, бирок...

- Эмнеге бирок?

- Эл ушак кылат го, "Өз баласын бага албай күндөшүнө берип коюптур" десечи?

- Эч кандай ушак кылбайт, кайра билгендер сага ырахмат айтпайбы "эстүү экен, Жаныштын арбагын сыйлаптыр" деп.

Унчукпай калды да көптөн кийин.

- Дарегиңизди жазып таштап кетсеңиз, мен эртең баланы алып барып каламын, - деди.

Зулфия арыдан-бери дарегин жазды да кармата койду. Негедир анын мууну калчылдап сүйүнүчтөн жүрөгү дүкүлдөп, "Чын эле баланы мага береби?" деп кайра "Балким урушпай-талашпай жөнөтүп койойун деп жаткандыр", деген чаржайыт ойлорду ойлоп жиберди. Аңгыча тиги келин:

- Эже, чай ичиңиз! - дегенде гана алдына дасторкон жайылып, чай сунулуп жатканын көрө таң калып чыныны ала койду. Бир азга чай ичип мууну калтыраганы басылып калгандан кийин сөзгө өттү:

- Жанышты кимдер өлтүргөнүн издеп жатышабы?

- Билбейм, эч жиги билинбейт деп жатышат.

- Жаман болгон экен... - ичинен: "Таап алсачы, менин өлтүргөнүм билинип калсачы?!" деп ойлонуп алып, ал оюнан өзү "селт" эте чоочуп кетти. - Анда мен кетейин, эртең күтөм! - деди.

- Жакшы барыңыз, сөзсүз барам.

Зулфияны чыгарып дарбазаны жаап алган келин мелтирей үнсүз көз жаш төгүп дарбазага жөлөнгөн бойдон тура берди. Ал жөн эле ыйлаган жок, таалайынын тайкылыгына, бактысыздыгына ыйлап жатты.

Анипа кичинесинен эле ата-энеси өлүп таежесинин үйүндө чоңойду. Бирде бар, бирде жок болуп кичинесинен эле тирикарак, зээндүү өстү. Ал чоңоё баштаганда таежеси да өлүп калып жети баласы менен жесир калган тажездеси Анипаны анча сүйбөдү. Бир күнү ачык эле:

- Анипа, эми сен чоңойдуң. Эптеп шаарга кет да жаныңды бак! - дебеспи.

Ошондо Анипа он беш жашта эле. Шаарга эптеп бирөөлөргө жармашып келип алды да, кантип жан багыштын айласын таппай бир жума суудан бөлөк эчтеке ичпеди. Бир күнү ыйлап, жашоонун эмес өлүүнүн айласын таппай жандүйнөсү тарып турганда ага бир аял жолугуп калды.

- Кызым, эмне ыйлап жатасың?

Көзүнүн жашын аарчып ылым санап турган аялга чынын айтты.

- Эже, бир жумадан бери ачкамын, зээним кейип кантип өлүүнү да билбей турам!

- Эмне үчүн? Ата-энең, бир тууганың барбы?

- Жок!

- Эч кимиң жокпу? Балким айылда чыгаар?

- Жок эже, эч кимим жок, ата-энем кичинемде эле өлүп калыптыр, өзүм болсо жалгызмын!

- Атаны кокуй күн ай, жүрү мени менен өзүңдү өзүң багасың, мен болгону үйүмө алпарып балдарыма кошуп койойун.

Анипа сүйүнөөрүн же ыйлаарын билбей, оозуна сөз кирбей туруп калды. Аны карап турган аял:

- Жүрү кызым, мени мама дей бер, балдарым мама дешет, менин алты балам бар, сен жетинчиси болосуң, "Жетинин бири кыдыр" дегендей балким сен мага кыдыр болуп жолугуп калгандырсың, - деп кызды кучактап көзүнүн жашын аарчып, колтуктап жөнөдү. - Менин атым Күлүйпа, балдарым керээлден кечке пирожки сатышат, мен жасайм.

Анипа унчукпай келе берди. Алар үйгө жеткенде алдынан кичинекей эки эркек бала чуркап чыкты да Күлүйпаны этектеп:

- Мага эмне алып келдиңиз!

- Магачы? - дешип чарылдап калышты эле Күлүйпа халатынын чөнтөгүнөн конфет алып чыгып экөөнө бөлүп берди.

- Күчүктөрүм менин, бул эжеңер менен саламдашпайсыңарбы, - деди күлүп.

- Салам!

- Чалам! - экөө жарыша быйтыйган колдорун сунганда Анипа эңкейип ал экөөнү балалык баёлугу менен беттеринен өөп койду.

Ошондон баштап Анипа Күлүйпанын өз баласындай эле болуп калды. Илбериңки, жүзү жарык бул кыз тез арада ал үйбүлөнүн өз кишисиндей алынып кетти. Анан калса Анипа эч бир арам ою жок өз ишин кылдат жасаганды жактырчу. Улам күн өткөн сайын чырайына чыгып, жаштык курагы менменситип бойго жетип, көзгө көрүнө түштү эки жылдын ичинде.

Ошентип ал бир күнү жолдо келе жатса бир мас тийишип киргенде кайдан-жайдан экени белгисиз Жаныш чыга калды да, тигини ары алып барып кызды куткарып ийди. Анипа шаша үйүн көздөй чуркап жөнөгөндө анын артынан чакырган үн угулганынан карай салса Жаныш экен.

- Чоң кыз, токтой турчу!

Анипа токтоп калды.

- Кайсыл жерге барасың, жеткирип койойун.

- Жок байке, өзүм эле.

- Мен да ушул жакка барам, сен кайсыл көчөгө барасың? Мен Акиевага чейин барам.

- Мен дагы ошол жакка барам.

Катар басып келе жаткан Жаныш:

- Атың, ким? - деди кызды күлүмсүрөй карап.

- Анипа.

- Жакшы, менин атым Жаныш.

Экөө үнсүз бара жатып Анипа үйүнө бурула бергенде Жаныш:

- Ушул жердесиңерби? - деп сурап калды.

- Ооба, - деген Анипа чуркаган бойдон короого кирип кетти.

Ошондон көп өтпөй эле Жаныш акмалап жүрүп Анипага эптеп жолукту. Чынында Жаныш Зулфияны эч кимге алмаштыргысы келген эмес, бирок чукулунан эле жолугуп калган Анипа аны арбап алгансыды. Күндө бир маал жолугуп, кээде кафеге киргизип сыйлап жүрүп Анипанын сырын тартууга аракеттенди. Бирок Анипа ага көп эле чечиле берген жок. Канткен менен жаштыктын деми жакшы эмеспи. Ал Анипага ыктап калгансыды.

Жаныштын мамилесинен улам Анипа да өзүнүн тагдырынын кай тарапты көздөй бурулганына саресеп сала албай калды. Жаштык курагынын өкүнүчтүү мезгили өтүп, жакшы адамдардын аркасы менен адам катарына кошулуп бара жатканын ойлоп Жанышка сыр жашырганы менен билинбеген күч аны Жанышка көздөй түртүп баратты. "Мейли, улуу болсо болсун, бактым ачылып кетер, балалуу болуп калсам андан ары жашап калаармын", деп ойлоду.

Анипа Күлүйпа апасына кеңешти бир күнү:

- Мама, мен сизге бир нерсе айтайын дедим эле.

- Айт, айта гой, тартынба кызым, азыр сени өзүмдүн кыздарымдан кем көрбөйм, сенин келечегиң мени абдан ойлонтот, айта гой!

- Мама, мен... мен өзүмдөн улуу бир адам менен сүйлөшүп калдым, анын аялы эч төрөбөптүр, эгер балалуу кылсаң өмүр бою төбөмө көтөрүп багат элем деп жатат.

- Өзүң бил кызым, бул сенин күнүмдүк эмес түбөлүк тагдырың, өзүң билип, өзүң чеч.

- "Үй сатып алабыз, тигил аялым менен ажырашпай эле койойун" деп жатат.

Күлүйпа көпкө ойлуу олтуруп калды да, анан:

- Эмесе мага аны сыртынан бир көрсөтчү, анан айтайын, - деди.

- Макул, - деген Анипа эшикке чыгып кетти.

Анипа "Өзүм жетим кыз болсом, "улуу экен, кичүү экен" дебей эле макул болгонум дурус го, өзүм теңдүүгө тийгенде эле жыргап кетмек белем, кудай буйруп төрөп алсам айткандай эле оюм менен болобу" - деп ойлонуп жүрдү.

Болжошкондой эле бир күнү Анипа менен Күлүйпа базардан аны-муну көтөрүп келе жатканда алдынан Жаныш чыга калды. Ал Күлүйпаны көрүп Анипага сүйлөй албай өтүп кеткенде акырын гана ага байкатпай Анипа Күлүйпага ымдап көрсөтүп койду.

Күлүйпа көрүп эле аны таанырын айтты. Ал тургай абдан жакшы неме экенинен өйдө божурап жиберди. Үйгө келгенден кийин Күлүйпа кечки тамакты ичип балдарынын баары жаткандан кийин Анипаны жанына алып олтуруп мындай деди:

- Анипа, эгер ошол бала сенин колуңду чын ниет менен сурап жатса жок дебе, көп болсо 20 жаш улуу болоор. Бирок аялдын кадырына жетчү бала!

- Ошондой деңиз?! Мен азырынча чече элекмин, бирок... бирок, мен да ошондой деп ойлогом!

- Акылың бар, кызым, акыл менен чечкен жакшы болот, эмнеси болсо да бактылуу бол! - Күлүйпа Анипанын бетинен өөп, чачынан сылап эркелетип олтурганда эреркеп кетти. Анан кантет? Өзүнүн апасынын мээримин көрбөсө, жакшы сөзүн укпаса, ата-эне кандай экенин да билбей калды.

Ошондон көп өтпөй эле Жаныш заңгыраган үй сатып алды да, Анипаны ээрчитип алып барып:

- Мына Анипа, бул үй сеники, сенин атыңа жаздырам, мен сенден эчтеке аябайм, жадагалса жанымды да, - деп Анипаны жерден так көтөрүп алып үйдүн ичинде бийлегеничи...

Анипа булардын баарын ойлоп буркурап боздоп ыйлап туруп эстей берди. Чынында баласын баккысы келбей жаткан. Зулфия келгенде бала ичкери үйдө эле уктап жаткан болчу. Анипа көз жашын жамгырдай төгүп турганда үйдөн баланын ыйлаганы угулду эле ал чочуп кетип үйгө чуркады. Түнү менен эртеңки күнү эмне болуп кетер экен деп ойлонуп кирпик ирмебей таң атырды. Таң агарып жерге жарык киргенде гана көзү илинип кетти.

Эртеси ал баласын көтөрүп алып Зулфиянын үйүн издеп барды. Анипа келгенде чыдамсыздык менен күтүп турган эле Зулфия. Анипаны көрүп утурлай басып келип анын колунан баланы алып бетин ачып эле ыйлап жиберди. Экөө үйгө киргенден кийин Зулфия мурунтан даярдап койгон тамак-ашын дасторконго жайнатып Анипаны колунан келишинче сыйлап жатты. Экөө олтуруп бир бөтөлкө да ичип жиберишти. Зулфия Анипанын тагдырын баштан аяк уккандан кийин аны кучактап алып экөө тең ыйлап басылды да, бети-колдорун жууп келип тамактанып олтурушту. Бир топтон кийин Зулфия баланы кучактап алып бети башынан өпкүлөп жатты. Анткени баласы Жанышка куюп койгондой окшош эле...

Анипа кетеринде Зулфияны сумсая тиктеп көзүнөн аккан жашты салаалап аарчып жатып ый аралаш минткен:

- Эже, мен энемин! Баламды эч кимге бермек эмесмин, бирок сиз жөнүндө Жаныш көп айтаар эле, ошон үчүн Жаныштын арбагын сыйлап сизге берип жатам, экинчи кайрылып келбейм, эми сиздин балаңыз! - деди да чуркаган бойдон кетти.

Зулфия Анипанын кеткен жагын карап, турган жеринде катып кучагында эч нерседен капарсыз уктап жаткан наристени шуу-шуу кумарлана жыттап алды.

Дарбазадан кирип эшигин илди да, үйгө баланы жаткырып анан ойлуу олтуруп калды: "Мен канкормун! Киши өлтүргүчмүн! Ушул наристени мен жетим калтырдым". Ал ошол олтурган калыбында өксүп алды. Көз жашын аарчып бир аз олтурду да, подвалды көздөй жөнөдү. Адеп подвалга түшө бериште бүткөн бою "дүр" этип алды. Аны Жаныш тирүү кезиндегидей тосуп ала тургансып жүрөгү элеп-желеп боло же корккону же сүйүнгөнү белгисиз, тепкичтен түшө берээринде бая күнү жылан уялап жаткан Жаныштын башы турган жерди карай басты. Азыр жылан жок эле, баш өзү кашкайып сөөккө айланып жаткан экен...

Зулфия башты жерден алды да аяр кармап алып тепкич менен өйдө чыгып келе жатып коңгуроонун чырылдаганын угуп шаша-буша кайра подвалга түшө калды. Башты текчеге коюп сыртка чыкты.

Зулфия дарбазанын түбүнө келип бир азга демин басып туруп анан:

- Ким бул? - деди.

- Мен эле! - Зулфия өзүнүн апасынын үнүн таанып эшикти ачып жиберди.

- Кандай кызым, денсоолугуң жакшы эле жүрөсүңбү? Өзүң болсо бизге каттабай да койдуң же байлангыдай балдарың болбосо, - деп айтып ийе жаздады да сөзүн башкага буруп кетти, - капырай, атаң экөөбүздөн кабар алып турсаң боло, карыган чагыбызда.

- Бара албай эле... Эми, апа, баргандан деле уялат экенсиң, күйөөм минтип таштап кетсе... Эми кудай буйруса...

Антип-минтип үйгө киргиче сүйлөшүп баратып үйдөн баланын ыйлаган үнүн уккан энеси чоочуп кетти.

- Ботом, үйдөн чыгып жатабы же телевизордобу?

- Ий-ии, үйдө бала бар, апа!

- Ал.. - Зулфиянын апасы үйгө кирип төрдө кош жаздыкты коюп жаткызган ороодогу наристени көрүп ар кандай ойго кетти, каттабаганы бизге канча болду? Жоо-ок, өзү төрөй турган болгон жок, демек багып алган го, байкуш кызым.

Зулфия ыйлап жаткан баланы ала койду эле, андан апасы алып наристенин жүзүнөн сүйдү.

- Ананайын десе, күлүп калганга жарап калган го, ыя Зукен?!

- Ооба, апа күлүшүп калыптыр...

- Мейли кызым, өмүрлүү болсун, өзүңө күйүмдүү болсунчу деги, атаң экөөбүз сени ойлоп кейип кепчип: "Жашы өтүп баратат, бир кызбы, же уулбу багып алса болот эле" деп жаттык эле, ырас болгон тура, - деп сүйүнүчүн жашыра албай жатты.

Зулфия арыдан бери дасторкон жайып апасына чай куюп берип, колундагы баланы алды да, чүргөктөп атып апасына чынын айтуу керек экенин ойлоп минтти:

- Апа, апаке, бул Жаныштын баласы, кечээ күнү аялы өзү алып келип берип кетти. - Зулфия апасын карап кубанычтуу жылмайды.

- Болсун, балам болсун! - эне баланы кайрадан Зулфиянын колунан алды да, жүзүнөн чымчып өз бармагын өзү өптү. - Ээ айланайын Зукен, бу баланы го бериптир, анан кайра бир күнү талашпайбы?

- Жо-ок апа, "талашпайм, экинчи басып келбейм", деп кетти.

- Ошондой эле болсо болду, балам. Баккан бала ыссык болот, баланын түйшүгүн тартып, уйку көрбөй чоңойтуп алсаң анан талашып олтурса, сенин жүрөгүңдү оорутуп.

- Талашпайт, басып келбейм дебедиби.

- Андай болсо жакшы, - ойлуу туруп калган эне байкоостон эле, - куураган бала.. Деги Жанышты өлтүргөндөр табылбай кеттиби?

Зулфиянын жүрөгү "болк" этип, оозуна сөз кирбей калды, "Оо, Кудай!" - деп ичинен муңканып алды да:

- Ий-ии, табылбай кетти.

- Кайран бала, деги жакшы эле, ушул баланын деле күлкүсүн көрө албай калды куурагыр...

- Аны эмне кыласыз, бешенесине жазган жашоону жашады да!

- Ооба десең, ырас эле ошондой болду го, байкуш! -

Экөө көпкө чейин сүйлөшүп олтуруп анан жатууга камынды. Жаткандан кийин Зулфиянын не бир уйкусу келсечи, ойлоно берип башы ооруганда өйдө туруп суу ысытты да бир сыйра жылуу сууга жуунуп алып жаткандан кийин тез эле уйкуга кирди.

Эртең менен ойгонгондо күн тийип калган экен, баланын ыйлаганын сезбей уктаган экен, апасы баланы алып олтуруптур. Ал эчак эле төшөгүн жыйып баласын сооротуп олтуруп ойго жетеленди: "Эми ушуну туубаса да аман-эсен чоңойтуп убайын көрсө экен, минтип катуу уктап калса баланын боорун катырып өлтүрүп албас бекен? А балким бала чоңойуп калгандан кийин бала көзүнө жакшы көрүнүп энеси талашып алып койсочу? Анда кызым байкуш кантет?"

Зулфия ойгонгондо бала апасына да болбой ыйлап жаткан эле. Зулфия тура калып эле сүт бышырып, баланын курсагын тойгузууга киришти. Ошентип өзү менен өзү түйшүктөнүп баланын убаракерчилигин тартып жаткан Зулфияга апасы бир жумадай жардам берип, балага каралашып жүрүп калды. Анан кетүүгө кам урду. Зулфия Кубандын алып келген акчасынын четине да тийген эмес болчу, эми баланы алып, апасын базарга ээрчитип барып, атасына да белек-бечкек сатып келишти. Эртеси жолго чыгып кетти. Ал кетерде:

- Кызым, айланайын сак бол, баланы чоңойтуп жолго жорттуруу өтө кыйын, ооруп калбасын, өзүңө да сак бол, аман-эсен тургула, - деп кетти.

Ал кеткенден кийин көпкө үйгө кирип алып уулун телмире тиктеп олтурду да, подвалга түшүүнү ойлоп эшигин бекитти. Подвалдын оозун ачып ылдый түшүп текчеде турган Жаныштын баш сөөгүн колуна алып кайра өйдө чыкты да чемодандын жанына келип андан ак сурп алып чыгып баш сөөктү ороп алып баланын жанына чөк түшүп олтура кетти. Кичинекей наристе эч нерседен капарсыз уктап жаткан. Зулфия башты колуна алып туруп аны ары-бери тегерете карап анан:

- Карачы, мен сенин балаңды багып жатам, ал эми менин балам, бирок сеники, сага катталган да, - ал негедир чоочуп кеткенсиди, -ырас эле анда энеси бөлөк да, кой ушундайда метиркени котортуп алайын, антпесе... - Аңгыча бала чукуранып ойгоно баштады. Бир колуна баланы алып, бир колунда баш сөөк: - Сен мени кечирип кой Жаныш, сени сүйгөнмүн, сен менин сүйүүмдү аттап кетпедиңби, болбосо ушинтип менин колумда куураган сөөк болуп турбайт элең, го! Эми мына бул наристеңди колдой көр! - Зулфия баланы ордуна жаткырып анан башты этиеттеп ороп туруп кайрадан подвалдын оозун ачып ылдый түштү да, аны коробкага салып бекитип, анан сыртка чыкты. Подвалдын оозун билгизбей бекитип салды. Чарчаган өңдүү төшөк салбай эле баланын жанына жата кетти, бирок көзү илинер эмес. "Кубандын келбей калганына эки жумадан өттү, эмнеге келбей калды экен? Же ал дагы мени чанып башка ойнош таап алды бекен?" - өз суроосуна өзү жооп таба албай жатып уктап кетти.

Күндөр өтө берди, негедир Кубан дале жок. Зулфия анын келбей кеткени менен иши деле болбой, бала менен алек: "Бага албай шылдың болбосом экен" деп күдүктөнө "уулум, кагылайын уулум, мени кечир, мен сени атасыз калтырдым", деп муңканып алат өзүнчө. Бүгүн эрте туруп мончо жагып өзү түшүп, анан уулун да үйдүн ичине жуунтту. Курсагын тойгузуп жаткырып өзү жанына жатып алып болтоюп толуп келе жаткан наристени көзү тойбой карай берди.

Ошол учурда коңгуроо чырылдады эле Зулфия дароо ордунан туруп сыртка чыкты:

- Ким? - деди.

- Мен Кубанмын.

- Аа-аа, - деген Зулфия дарбазаны ачты да Кубанды машинасы менен киргизип, анан эшикти бекитти. Машинадан түшүп кабинаны бекитип жаткан Кубанга Зулфия эркелей кетти:

- Сюрприз, мен сага сюрприз көрсөтөм! - ойлуу: - Андан көрө сен менин кубанычыма тең орток боло аласыңбы?

- Эмне үчүн антип жатасың, айтчы?! Сенин кубанычың менин кубанычым, кана көрсөтчү сюрпризиңди.

Зулфия Кубанды колдон ала үйдү көздөй жетелеп кирип, анан:

- Мына, көрдүңбү менин кубанычымды!? - деди Кубанды эмне дээр экен деп сынай карап.

Адегенде Кубан төшөктө оролгон баланы көргөндө не дээрин билбей туруп калды. Анткени ал дагы бирөөнү эптеп колго түшүргөн экен деп ойлогон.

- Бул кайдагы бала?

- Менин балам!

- Койчу тамашаңды, чынын айтчы?!

- Эмне, мен эмне, балалуу болгонго татыксызмынбы?

- Андай деле эмес, бирок ачыгын айтсаң дегеним да.

- Ачыгын айтсам Жаныштын баласы, муну мага аялы берип кетти.

- Койчу, чын элеби?

- Чын болбогондо мен сага калп айтып жүрдүм беле?

Кубан Зулфияны таарынтып албайын дегенчелик кылып жойпуланып кетти:

- Оо, анда куттуктайм! - Кубан Зулфияны кучактап өөп туруп төш чөнтөгүнөн элүү доллар алды да уктап жаткан наристенин ороосуна кыстарды, - ырымы болсун, көрүндүгү чоң болот.

- Рахмат алтыным, ушундай эле дейм да.

Экөө бир аз кобурашып тамак ичип олтуруп, анан Кубан:

- Төшөк салчы алтыным, иштеп жүрүп чарчадым, өзүңдү сагындым, өзүң да мени сагынган чыгаарсың, сени да сагынсын деп келбей жүрдүм.

- Ооба, сагынмакмын, мынабу жигит келгенден бери ойлогонго чамам жок!

Кубан дароо түнөрө түштү: "Кызык, Жаныш деп жүрүп мени тоготпой жүрдү эле, эми бала деп да мени унутат экен да... "

Аңгыча Зулфия төшөктү калыңдап салды да өзү энеден туума болуп чечинип алып анан ары-бери басып баласынын ороо-чулгоосун даярдап жүрдү. Анын аппак денеси, ичке бели, жазы далысы менен жамбашын карап турган Кубан чыдай албай кетти:

- Келбейсиңби, батыраак келчи, жаным!

- Азыр, уулумдун жалаяктарын, тамактарын белендеп алайын...

Эртең менен туруп тамак жасай койгон Зулфия чай ичип олтуруп Кубанга минтти:

- Көпкө көрүнбөй кетчү болдуң, тез-тез эле келип турсаң, жалгыз болсом, боор ооруп койсоң боло.

- Жалгыз болгондо, эмнеге коркосуң, телевизор турат, видео кассеталар турат, каалаганыңды коюп көрүп, зерикпей жашай берсең болот. Эми балаң бар, эрмек болот өзүңө, туурабы?

Зулфия алдындагы уулун карап эзилип койду.

- Апасынын эрмеги, апасынын жалгызы! Кубан, карасаң тим эле Жаныштын өзү, ээ?

- Ий-и, окшош тура, - деди өлгөн немени да уккусу келбей ичи тарып, - Жанышты аябай сүйгөн элең, эми баласын Жаныштын өзүнөн да жакшы көрөт чыгаарсың?

- Баласы эмес, балаң деп сүйлөп жүр, уктуңбу?

- Уктум, уктум, алтыным, кечирип кой!

Кубан кеткенден кийин Зулфия баланы көтөрүп алып базарды көздөй жөнөдү. Ош базарын кыдырып жүрүп бир коляска, кийим-кече алды да, кайра үйгө келди.

Арадан бир жыл өтүп, Зарлык там-туң басып калганда Зулфиянын көңүлү тынып уулу үчүн баарына кайыл болуп калган кезде коңгуроо чырылдап калды. Зулфия Кубан келген го деген ой менен эшикти ачып жиберди да тилден калгандай бир топко делдейип туруп калды, анткени анын маңдайында Анипа турган болчу.

- Кандай эже, жакшысыздарбы? - деген Анипа оңтойсуздана колун сунду.

- Жакшы, - дегенге араң жараган Зулфия ар кайсы ойду ойлоп жиберди. "Баланы бер, алып кетейин дейби, же... "

- Сизге эмне болду эже, мен жөн эле келе калгам, сиз менен катышып турганым эле жакшы окшойт.

- Ий-и ооба, ошентпей анан! Кир, үйгө кир!

Анипа Зулфиянын артынан ээрчип үйгө кирди. Анын эси-дартынын баары эле баласы болчу, үйгө киргенде эки жакты карап анан туруп калды. Зулфия аны байкады да:

- Төргө өтүп олтур - деди да, өзү сыртка чыгып кетти. Ал сыртка чыгып кеткенде Анипа ички үйдү карагысы келсе да батына алган жок. Аңгыча сырттан Зулфия чайнек көтөрүп кирип дасторкон жайып, чай куюп сунуп:

- Кел, Анипа ала гой, чайдан ичип олтур, - деген менен ойлогон ою будуң-чаң болуп олтурду: ""Басып келбейм" дебеди беле, же эне эмеспи түткөн эмес го, баары бир тынч койбойт экен да мени!"

Чай ичип олтурганда экөө тең өз ойлору менен алек болуп олтурду. Анипа: "бала көрүнбөйт, эмне болду экен же... жок жаман ойлобойунчу, балким уктап эле жаткандыр" деп ойлоду.

- Келген экенсиң Анипа, уулубуз болсо чоңоюп жатат, "ата, апа" деп, ал тургай баса баштады, - бир аз унчукпай турду да, - алып кетем десең, өзүң бил... - анын үнү каргылданып кетти.

- Жок, жок эже, албай калайын, ал сиздин эле балаңыз болсун дебедим беле, мен жөн эле, эгер сизден уруксат болсо келип кетип турсамбы деп ойлогом.

- Демек, баладан алыстап калбайын деген оюң бар тура, андай болсо өзүң бил. Бала сеники, мен бирөөнүн баласына көз каранды болгум келбейт!

- Кечирип кой эжекебай, кечирип кой, мен сизди капа кылып алам деп ойлогон эмесмин, балким эже-сиңди болуп катышып жүрөөрбүз деп ойлодум эле... Анда мен кетейин, жакшы калыңыз! - Анипа көзүнө жаш тегерене өзүнүн кылган каталыгына өкүнүп көз жаш төгө үйдөн чыгып кетип баратты.

Зулфия анын артынан тура калып чуркап барды да, оозуна эч сөз келбей колунан жетелеп үйгө кирди. Кечээги Кубан берген акчаны Анипанын колуна карматып, анан ички үйдө уктап жаткан Зарылбектин жанына жетелеп келди.

- Анипа, мына уулуң, чоңоюп калды, күндөн-күнгө кыял-жоругу чыгып келе жатат, алам десең, азыр алып кет! Чоңойгондо талашып жүрөгүмдү күйгүзбөй! Мына бул кийим-кечеси, мына оюнчуктары, коляска алып койдум, баарын, баарын берем, өзүм төрөбөгөндөн кийин бирөөнүн баласы...

Ал эчкирип ыйлап жиберди. Анипа дендароо боло, сүйлөөргө сөз таппай, мостоюп тура берди. Экөө эки жерде селейип турганда Зарылбек дүйнө капар гана "быш-быш" этип уктап жатты.

Торсоюп уктап жаткан уулун колуна алып өөп алууга укуксуз экенин Анипа азыр түшүндү, "бекер кылган экенмин, эмнеге бердим экен, жаштык кылдым окшойт.. Жок дегенде өз энем катары асырап жаткан мамама да кеңешпей койгонумду кара" деп ичинен, көмөкөйдөн боздоп, жүрөгү сыздап, тирүү турган менен азыр өлүктөн айырмасы жоктой тура берди.

- Анипа дейм, кана балаңды алып кетесиңби же?..

- Жок, жок эже, мен кетейин, албайм, бала сиздики, - деп артка бурулуп кетээрде Зулфия аны колдон ала сырткы верандага жетелеп чыкты да ары-бери издеп жатып бир ручка менен кагаз алып келип:

- Мынабу кагазга жаз, эгер талашпай турган болсоң жазып бер, "мен экинчи талашпайм, өз макулдугум менен бердим" деп жаз! - деди.

Анипанын ручка кармаган колу калтырап жатып эптеп жазды да, ордунан тура жөнөдү. Көзү жашка толгон Анипа дарбазадан чыгып чуркаган бойдон узап кетти. Көз алдында торсоюп уктап жаткан наристеси. Апаппак кылып кийинтип, ак шейшепке жаткызып койгонуна ыраазы болгон менен, жок дегенде бир эле жолу жыттатып, же бир колуна карматып койбогонуна ботодой боздоп баратты. "Төрөбөсө эне менен баланын сырын билбейт да" деп ойлоп койот. "Кудай ай, жок дегенде колума алып бир жыттап алаармын деп барбадым беле". Ал колунда Зулфия берген акчаны ушалап тоголоктоп ыргытып ийерде эстей калып караса акча айрылаарына аз калыптыр.

Анипанын кеткенин карап, бир орундан козголбой турган Зулфия колундагы эмеле Анипа жазып берген кагазды кармап дагы бир сыйра окуду да дарбазасын жаап, эшиктерин илип үйгө кирсе уулу чукуранып ойгоно баштаптыр. Ал баланы сүт берип тойгузду да, анан алдына алып олтуруп алып ар ойго түштү: "Аттиң, ушул тырмактай кызыл эт үчүн мен не деген азапты көрүп олтурам, ушул бала үчүн Жаныш менден кетти, аны мен кызганычтан өлтүрүп алдым, эгер төрөгөндө, небере күтүп калбайт белем, анда Жаныш эч жакка кетмек эмес. Баары жайында, оокатыбыз Кудайга шүгүр болмок".

Ал ошентип ойлонуп олтуруп бир кызыктай абалга келди. "Сениби шашпа, эгер дагы бир жолу келсең Жаныштын жанына жөнөтүп коюп, уулумду ээн-эркин багып, эч кимден кызганбай калам" деп ойлоду. Ал чын эле ушул оюн ырас көрдү, "сөзсүз ошентиш керек!" - деп баланы көтөргөн бойдон ордунан туруп терезеге келди да кылкылдап батып бара жаткан күндүн кызарган шооласын карап тура берди.

Зарылбек татынакай бала болуп чоңоюп келе жатты. Жаныштын апасы баланы "Зулфияда экен" деп угуп келип кетти. "Бизге бер, өзүбүз багалы" дегенге Зулфия көнгөн жок. Ошондон баштап Жаныштын ага-карындаштары баланы көрүү үчүн келип кетип жүрүштү.

Зарылбек бешке чыгып Зулфия сүннөткө олтургузууга даярданып жатканда кайненеси, эки келини, бир кызы менен келип баланы олтургузуп, той жасап бата алып коюп кетишти. Ошентип Зарылбек менен алпурушкан Зулфия бул арада эч бир жумуш жасай албай, Кубан да мурункудай келбей калды.

Кийинки күндө акчадан каржалган Зулфия заңгыраган алты бөлмөлүү үйүнүн экөөнө квартирант киргизүүгө аргасыз болду, короодогу времянка үч бөлмөлүү болчу, ага да квартирант киргизип койду. Ошентип эптеп жашап жүргөндө Кубан бир күнү келди да Зулфияга минтти:

- Зоичка, сен экөөбүз бир иш кылалы, сенден башка адам менен мындай иш кылууга болбойт, эми сен мага үч жаштан беш жашка чейинки бала таап келип бер, анан мына бул квартиранттарыңды жогот, - деди да чөнтөгүнөн жүз доллар алып Зулфияга сунду. - Эгер үч күндүн ичинде айткан балдардан таап берсең, мен сага үч үйдүн акчасын дароо берем, анан бул иш жөнүндө менден эч нерсе сураба!

Зулфия ойлонуп калды: "ырас эле квартирант киргизсең, үйүңдүн баарын балдары булгай берет экен, керели кечке ызы-чуу.. Эмнеси бар экен, жолдо ойноп жүргөн балдардан уурдап келип бере берем, менин эмнем кетмек эле... " деп ойлоду.

- Сүйлөштүк! - деп баласы уктап жаткандан пайдаланып ага эркелей кетти. Кубан да аны кучактап, экөө кучакташкан бойдон диванга жыгылышты. Көптөн бери Кубан келбей, өзү бала менен алаксып эркек жытын сагына түшкөн Зулфия Кубандын шымын чечип тигинисин кармап ырахаттана сылай баштаганда Кубан:

- Кел, келчи бир моокум кана жыргап алалы. - деди да, чечине салып жата кетти.

Кубан эртеси таң атпай жумушка кетти. Зулфия Кубан кетери менен эле кайрадан жалгыздыктын туткунунда калып күтүүдөн тажагандай, баарын таштап жадагалса мобу кунарсыз жалган дүйнөнү да таштап коюп кайдадыр безип кеткиси келет, бирок азыр эрмеги, кубанычы Зарылбек бар. Болбосо ушул алдамчы жашоо канчалык таттуу жана кымбат болсо да тузу шор тамактан бетер суусатып, улам эртеңки күндөн үмүт этип, эртеңкиси башкача болчудай сезилип олтуруп өмүрдүн өткөнүн да байкабай калат тура адам баласы.

Кубан кетээринде:

- Буларды тезирээк кетир да ишиңди аткар! - деп коюп машинасын айдап дарбазадан чыгып кетти.

Үстүндө үйү, жээрге тамагы, кийерге кийими даяр, туубаса да тутунган бала күтүп төбөсү көккө жетип турган убак. Кубан кеткенден кийин квартиранттарын бүгүндөн баштап үйдү бошоткула деп коюп өзү Ош базарына барып радиоузелден он үч, он төрттөгү жетим кыз таап алып келди да аны душка түшүрүп бир сыйра жаңы кийим кийгизип койду эле татынакай кыз болуп калды. Бала бакканга деп шылтоо кылган менен өзүнө да караан болот эмеспи. Ал чарчагандай олтуруп калды да, бир топтон кийин Жанышты ойлоп подвалга түшмөк болду. Наргизага минтти:

- Наргиза, кызым, иниңди ыйлатпай карай тур, мен азыр келем! - деди да сыртка чыгып, короонун ичиндеги жашыруун эшикти ачып анын каалгасын ичинен илип туруп подвалга түшүп коробкадагы акка оролгон Жаныштын баш сөөгүн алып текчеге коюп өзү маңдайына үнсүз олтуруп калды. Көптө барып анан:

- Көрдүңбү, сенсиз деле менин да, Анипанын да жашообуз өтүп жатат, уулуң чоңойууда. А сенчи, сен болсо менин маңдайымда тирүү эмес апаппак сөөк болуп турасың, мен сени жакшы көрчүмүн да, сен болсо мени таштап кеттиң: "балалуу болсом эле баламды алып келем, сен багасың, экөөбүз жашайбыз" деп калп айта бердиң же биротоло кетип калбадың, байкушум... Эгерде кеткен бойдон да келбей койсоң болмок. Бирок сен антпедиң, мен жалгыздыктын азабын тартып ызаландым, ыйладым. Сени кызгандым. Эми менин жанымда жашайсың, мындан ары күндө жаныма алып жатам. Азыр жакшы кал, мен үйгө барайын, уулуң ыйлап калбасын.

Зулфия аны кайрадан акка ороп коробкага салды да текчеге коюп койду. Келсе Наргиза Зарылбектин жанына жатып экөө тең уктап калыптыр.

Таңдын атып, күндүн батканы деле адам баласы үчүн мааниге ээ эместей. Анткени көр тириликтин айынан, бүгүн бүтпөгөн ишти эртең бүтүрөлү деген көр пендебиз да. Ошол ар бир күн ошол ар бир адам үчүн зарыл жана кымбат экенин билип, ушул бир келчү жарык дүйнөдө бири-бирибизге жамандык кылуунун ордуна жөлөк болсок кандай сонун болоор эле. А биз адамдар күнүмдүк жашоонун кулу болуп күнүмдүк токочубуз үчүн бирөөнү мертинтип, бирөөнү зыянга учуратып же дагы бирөөнү таптакыр бактысыз кылып жатпайбызбы.

Арадан бир жумадай убакыт өтүп, квартиранттар кетип, Зарылбек Наргизага көнүп калганда Зулфия өз ишин аткарууга киришмек болуп даярданып жатты. Күн кечке маал болуп калган кезде ал ички бөлмөсүнө кулпу салып сыртка чыкты да короо тараптагы жашыруун эшигин ачып кирди.

Катып койгон жеринен маска менен кийимдерди алды да, күзгү алдында көпкө ойлуу туруп калды, "баары бир кылмышкермин, киши өлтүргүчмүн, канкормун", - деп шыбырады эле бирок үнү өзүнө угулган жок, ошол мостойгон абалда масканы кийип, киймин кийгенден кийин күзгүдөн өзүн көрүп ичиркенип алды. Башына жоолук салынып алып короого чыкты. Үй жактан Наргизалар көрүп калабы деп акырын дарбазага жетип эшикти ачты да, эки жакты абайлап карап туруп анан тез чыгып дарбазаны сыртынан бекитти. Ылдамдай басып Ош базарын көздөй жөнөдү. Ал Ош базарына келип элдин бака-шакасына аралашып эч максатсыз ары-бери басып жүрө берди. Бир маалда төрт-беш чамасындагы кичинекей кыз жанынан ыйлап өтүп баратканын көрүп калды. Ичинен "кым" деп алган Зулфия ага акырын жетип барды да:

- Эмнеге ыйлап жатасың, кызым? - деп сурады эле, аны үмүттүү караган наристе:

- Мамам, мамамды таппай жатам, - деди ыйлап.

- Атың ким, кимдин кызысың?

- Атым Айым, папамдын кызымын.

- Эмесе жүрү, менин инимдин кызы турбайсыңбы, мен сени үйүңө жеткирип койом.

- Маку-ул, коркуп жатам, мамам жок.

- Сен коркпо кызым, мен сени жарым саатка калтырбай үйүңө алып барып койом, макулбу?

- Ооба, папам мен жок болсом ыйлайт.

- Папаң сени жакшы көрөт го, ээ?

- Ооба, аябай жакшы көрөт.

- Кел, келегой, мен сени көтөрүп алайын, - Зулфия Айымды көтөрүп алды да ылдамдай басып жөнөдү. Ал базардан чыгып баратканда радиоузелден: "беш жаштагы кыз адашып кетти, көргөндөр радиоузелге алып келсеңер сүйүнчүсү болот", деп кайталап жатты. Ан сайын Айымды сыга кучактаган Зулфия үйүн көздөй шыпылдап басып бара жатты. Убакыт кеч болуп калган болчу. Зулфия дарбазасын ача койду да, тез жаап бекитип, Айымга карап минтти:

- Кызым, ушул жерге тура тур, мен азыр, - деди да жашыруун эшикке жетип шашып кирип чечине салды да кайрадан сыртка чыгып Айымдын жанына келди эле:

- Эже, мени качан үйүмө жеткирет, жанагы апа канакей, мени үйүңө жеткирем дебеди беле? - Айым Зулфияны жалдырай карады.

- Азыр келет, жүрү үйгө кире гой!

- А сиз ким болосуз?

- Мм, менби, мен кызы болом.

Айым Зулфияны ээрчип үйгө кирди. Наргиза Зарылбекти көтөрүп алып ойноп жатыптыр. Айым үйгө киргенден кийин да тамак ичпей "үйгө кетем" деп ыйлап киргенде Зулфия аны сооротуп:

- Машина келет, анан жеткирет, ага чейин сен ыйлабай олтуруп тур макулбу, сен жакшы кызсың, - деп алдап жатты. Ыйлап жатып Зарылбек менен ойногонго кичине алаксый түшкөн Айым ойноп жатып уктап калды.

Зулфия Кубандын келишин чыдамсыздык менен күтүп жатты. Айым ыйлап-ыйлап, бала эмеспи, кичине көнө түштү. Үчүнчү күнү Кубан келди да, Зулфиянын кылган ишин көрүп сүйүнүп кетти. Наргизаны көрүп:

- Ал менин кызым, багып алдым, Зарылбекти багат, - деди Зулфия.

- Аа-а, ырас болгон тура, мына ушул чоң кызга көрүндүк берейин, - деген Кубан Зулфиянын колуна бир ууч жалаң долларды карматты. Зулфия аны күлүмсүрөй карап, анан акчаны алды да ары турган сумкасына салып, анан эч нерседен капарсыз ойноп жаткан Айымды карап койду. Кубан анын берген акчасына ыраазы экенин түшүндү да:

- Зулфия, мен кетейин, эртерээк кетпесем болбойт, Айымды да жеткиришим керек, - деп жылмайып койду эле, Зулфия Айымды колдон алып эшикти көздөй жетеледи:

- Жүрү, жүрөгой кызым, бул машина менен сени жеткирип койот.

- Эже, мени апкелген апа кайда кеткен, ал бизге тууган болосуң дебеди беле?

- Келет ал. Ага чейин сен үйүңө бара бер, ал сөзсүз келгенде силердикине барат, макулбу?

- А сиз менин апамды тааныйсызбы? - Кыз Кубанды карады.

- Ооба, тааныйм, ошон үчүн сени үйүңө жеткирейин деп жатпайынбы. Жүр, жүрө гой, машинага түш!

Айымды арткы олтургучка олтургузду да, машина ордунан козголду. Зулфия дарбазаны ачып машина кайра чыккандан кийин кайра бекитти. Үйгө кирип чарчагандай олтура кетти. Анан ал көптөн кийин Кубан берген акчаны сумкасынан алып санап кирди. Бул убакта Наргиза Зарылбекти алып сыртта ойноп жүргөн болчу. Ал долларды эсептегенде жүз элүү миң сомдун тегерегинде болчудай экен. "Азырынча быяктагы акча жетет, муну бекитип салайын", деп ойлоду да ички үйүн ачып кирип долларды сандыкка салып коюп базарга жөнөдү. Ал эми Зарылбекти да, Наргизаны да өзүнө каттатып алууну ойлоп жатты.

Базардан майда-чүйдө алып, тез эле үйгө келди да Наргизага минтти:

- Наргиза садагам, сени мен өзүмө кыз кылып алайын деп жатам, сен каршы болбойсуңбу?

- Эмнеге, мен эч каршы болбоймун, андан көрө сиздей апам болсо жакшы болмок, - деп жер карады Наргиза.

Алар ошентип сүйлөшүп олтурганда дарбаза такылдап калды. Зулфия чочулай: "дагы Анипа келди бекен?" деген ойдо чыга калса кошуна аял экен. Ал Зулфиянын уруксатысыз эле ичкери кирип келе жатып сүйлөп кирди:

- Ыя Зулфия, дегеле кошуна-колоңго киришип чыкпайсың да, кошуна болгондон кийин каттап кирип турбайсыңбы.

- Мм, ооба, ооба туура айтасыз, бирок менин бала кезден эле бир мүнөзүм бар, кишиникине кирбеген.

Аңгыча үйгө кирип да кетишти. Наргиза менен Зарылбекти көрүп:

- Баса, булар кимдин балдары? - деп ал Зулфияны таң кала карады эле, ал:

- Ии-й, бала багып алганмын, экөөнү тең багып алдым...

Үйгө кирип төргө олтурганча эки жагын каранган аял:

- Ырас болгон тура, жалгыз-жарым жашагандан көрө... Оо, сен укмуш жашайт турбайсыңбы, мунун баарын ыраматылык Жаныш даярдап берип кеткен да, ээ?

- Ооба, эже, ооба, ошол даярдап, таап берип кеткен дүнүйө, мен кайдан тапмак элем.

- Баса, аны ким өлтүргөнү белгисиз бойдон калды дейби?

- Ооба, табылбай кетти, - Зулфия дасторкон жайып чай коюп жатып "эмне келди экен, же бир нерседен шек алып калды бекен?" деп кыжаалат боло "тезирээк эле кетип калса экен" деп ойлоп жатты. Анын кетээр ою жок жаймажай чай ичип сүйлөп олтуруп, көптө араң кетти. Анын кетиши менен Зулфия оор жүктөн кутулгандай "өх!" деп алды.

Наргиза абдан жапакеч, акылдуу кыз болду. Зулфияга жумуш жасатпайт. Бара-бара ишенген ал Наргизанын каалаган кийимин кийгизип, таптакыр окубаган немени сүйлөшүп, жадагалса ортого киши салып бир канча акча менен мектепке да киргизип койду. "Ушул убакка чейин окутпай эмне кылып жүрдүңүз?" деген суроолоруна: "айылда болчу, окубай калыптыр" деп калп айтып жатып араң окууга киргизди.

Ошентип Зулфия очорбачар болуп эле жатып калды. Ага ушул гана керек эмес беле, ушул кенедей бала, кызыл эт үчүн Жаныш андан кетип, жүрөгүн оорутканычы, акыры келип.

Бири-бирине окшоп жадатма күндөр өтө берди. Бирөөлөр үчүн эртеңкиси кызык да, табышмак да болуп чыдамсыздык менен күтсө, Зулфия бул табышмактуу жашоодон тажагандай... Ал "эртең дагы бир кылмыш кылбасам экен, эми ушул эки балам менен жөн гана жай турмуш өткөрүп жүрө берсем экен" деп тилечү болду. Бирок анын алдында дагы кандай оор азап менен армандуу тагдыр турганын туйбады. Болгону энелик сезим күчтүүлүк кыла, "оо, Кудай, ушул экөөнү чоңойтуп, мен да башкалардай эле бактылуу эне болсом экен" деп ойлоп өзүнчө кыялданчу.

Ошондой күндөрдүн биринде Зулфия Зарылбек, Наргиза үчөө "Жаш Гвардия" бульварында сейилдеп жүрүп эле тык токтоп калды. Ал көзүн ачып жума: "чын эле ошолорбу?" деп, жүрөгү ток ургандай "зырп" этип алды. Көөдөнүнө батпай чыга калчудай жүрөгү катуулап сого баштап, аз жерден өзүн жоготуп койо жаздады. Анан ал Наргизаны карап:

- Наргиза кызым, силер Заку экөөң мындай ойноп кете бергиле да, кечке калбай, мени күтпөй үйгө бара бергиле, макулбу? - деп узатып койуп, өзү аллеянын аркы жак бетиндеги олтургучка көчүк баса Кубан менен Анипаны карап олтура берди. Алар эчтемеден капары жок, кучакташып, улам өбүшүп коюп олтура беришти. Зулфиянын жүрөгү жара тилгендей сыздап да, канап да жатты. "Кудай ай, бул шүмшүк эмнеге эле менин жашоомо тоскоол боло баштады, эми дагы минтип... " деп буулугуп, көөдөнүндө бурганактуу бороон улуп, кандай кылаар айласын таппай жатты. Бир маалда Кубан менен Анипа кучакташкан бойдон орундарынан туруп көчө бойлоп жөнөштү эле, Зулфия аларды артынан акмалап узатып жанаша көчө менен кетип бара жатты. Алар Зулфияны байкабастан каткырып күлүп коюп, ары бурулушту. Жолдун боюндагы барга кирип орун алышты. Алардын бул жүрүшүн көргөн Зулфия эми үйүн көздөй жөнөдү. Үйүнө келгенден кийин эч нерсеге көңүлү келбеди. Наргизанын чебелектеп:

- Ысык чайдан ичиңизчи апа, сиз ооруй көрбөңүз, - дегенине карабай эч нерсе дебей жатып алды. Ал ичинен кекенип жатты: "жөн койсо тынч жүрбөйт экенсиң го, сени шашпа, Жаныштын жанына алып барып койом!".

Ал ойлонгон калыбында чечкиндүү түрдө ордунан турду да, "баары бир баланы мага тынч койбойт, жок кылышым керек!" деп алып өз тиричилигине киришти. Наргиза бул убакта тамак жасап апасын күтүп жаткан. Зарылбекти тойгузуп уктатып коюп анан экөө тамактанып жатып калышты.

Зулфия уктай албай "Анипаны эми кантип табам, кантип колго түшүрөм?" деп ойлоно берип таңды атырып ийди. Таң сүргөндө көзү илинди.

Ал күн көтөрүлгөндө ойгонуп караса баарын даярдап алып, Наргиза күтүп олтуруптур. Аны көргөн Зулфиянын балага болгон сүйүүсү ашып-ташып ордунан туруп барып Наргизаны кучактап өөп алды да:

- Кагылайын десе, эмне эрте туруп алгансың, чайды мен деле даярдайт элем го, уктай бербейсиңби, - деди.

- Жок апаке, мен сизге кантип жумуш жасатайын, чоңоюп калбадымбы.

- Садагам, Кудайдан тилеп жүрүп экөөңдү таап албадымбы, аман болсоңор экен. Өлгүчө экөөңөрдү өз тууруңарга кондуруп, бактылуу болгонуңарды көрсөм арманым жок эле... - деп күбүрөдү.

Зулфия канчалык өзүн алаксытканы менен баары бир Кубан менен Анипанын бирге басып, олтуруп-турганы көз алдына тартыла берип анын кызганычы ашып, Жаныштан кийинки эр болбосо да эр катары көрүп башка эркекти жолотпой жүрсө мунун кылганын кара деп Кубанга кыжынып алды.

Күн өтө берди. Кубандын кечиккенинен улам ого бетер ал экөөнө кыжыры кайнап, эмне кылар айласын таппай кантип ал экөөнү табаарын билбей убайым тартып жүрдү. Анипа болсо баягыдан кийин келбеди.

Бул арада Кубандын иштери аябай "жүрүшүп", үйбүлөсүн да эч нерседен кем кылбай эки баласына эки жерден там сатып берип, крутой болуп калган кези. Ал бул жетишкендикке кайсыл жол менен барып жатканы, Зулфияга берип жаткан долларлар кайдан келгени өзүнө гана белгилүү болчу. Зулфияга доллардын үчтөн бир бөлүгүн гана берчү да, калганы өзүнө калчу. Зулфияга болсо ошол акча деле жетишээрлик эле. Ал үй сатып албады, эч нерсе курбады - жалаң кийип-ичкенине жыл бою жетмек. Кубандан андан ашык акча да сураган жок.

Кубан бүгүн көптөн берки тапшырмалардан да оор иш аткарууга милдеттүү эле. Ал бул ишти алып баруудан өтө кооптонду да, Зулфияга келди. Ал баягы беш жашар Айым деген кызды тирүү бойдон Америкага жеткирүү болчу. Эгерде аэропорттон кармалбай өтүп кетсе анда жакшы. Коркунучтун баары аэропортто эле. Зулфия адегенде чоочуп кетти, бирок ала турган доллардын суммасын укканда ал макул болду да, Кубанга көзүн кыса:

- Наргиза кызым, иниң экөөң эшикке чыкпай үйдө гана ойногула, мен түндө келем, макулбу? Эгер башка бирөө келсе эшикти ачпагыла, - деди да ички үйгө кирип, ага кулпу салып койду. Көнүмүш адаты боюнча короо тараптагы эшигин ачып, шып этип кирип катылуу жердеги маска менен киймин алып кийине салып, машинага түшүп, дарбазаны Кубанга бекиттирип, ачкычты сумкасына салды. Ичинен тобо келтирип жөнөп кетти.

Алар мерчемдүү жерге келгенде машинага Айымды Кубан жетелеп келип олтургузду эле, ал Зулфияны таанып:

- Ий-и; сиз эми келдиңизби? - деди.

- Ооба кызым, колум бошобой жатып эми келбедимби, - деген Зулфия кызды бир карап алып көзүнөн көзүн ала качты. Кыздын наристе баео көз карашы ушунчалык аянычтуу эле. Зулфияда энелик сезим күчтүүлүк кылып, анын көз карашына туруштук бере албады.

Машина алар орун алаар менен зуулдап жөнөдү. Ошол убакта Айымды издетип посттордо текшерүү жүрүп жаткан. Кубандын шериктери ар бир постто бар болчу. Алар Зулфия бара жаткан машинаны өткөрүп жиберип жатты. Бир маалда Айым суу ичем дегенде Зулфия ушуну эле күтүп тургандай даярдап алган ак сууну сумкасынан алды да, кружкага куюп, уйку дарыдан кошуп койду. Сууну ичкенден кийин кыз бир аз божурап, андан кийин уйкуга кетти. Жанын оозуна тиштеген Зулфия кармалып калбасам экен деп коркуп баратты. Казакстан менен Кыргызстандын чек арасынан өтө бергенде жол боюнан төрт-беш формачандар машинаны токтотту. Айдоочунун документтерин текшерип бүтүп, салонго баш бакты. Уктап жаткан кызды көрүп арыта турган шериктерин чакырып өздөрүнчө сүйлөшө кетишти да рация менен башка жакка кабарлашты. Машинаны жолдун четине айдап чыга тур дегендей белги бергенде жол жээгине айдамыш болуп туруп, зуу койду. Айдоочу Кубан менен байланышып, аларга окуянын чоо-жайын түшүндүрдү.

- Дарегиңерди бергиле да, машинаны таштап, бизди күткүлө! - деди Кубан телефондон. Айдоочу машинени көчөлөрдүн бирине таштап, номерин чечип алды. Мейманкана аталган менчик үйгө жайгашышып, Кубанга кайра телефон чалып, дарегин так берди. Күн кечтеп, Айым да ойгонуп калды:

- Биз үйгө качан жетебиз? - деди кыз ыйламсырап.

- Азыр кызым, машина бузулуп калбадыбы.

- Качан оңдолот?

- Азыр оңдолот, бир аз күтө туралы...

Алар антип-минтип татаал тагдырдын табышмактуу мүнөттөрүнөн жакшылыкты күтүп, ар кимиси ар жерде ойлуу жата беришти. Кичинекей Айым да: "булар мени эмнеге үйүмө алып барбай жатат, шашпасын, папама жетсем элеби" деп өзүнчө кыялга батып, табышмактуу чөйрөгө жини келип жатты. Анткени Айым Кыргызстандагы эң ири ишканалардын бирин иштеткен бизнесмендин небереси эле. Алар күнү-түнү милициялардын жанын койбой издетүү жүргүзүп жаткан.

Түн бир оокумда дарек боюнча Кубан бир машина менен кошо кичинекей сандык ала келди. Ага Айымды уктатып, тумчугуп калбагыдай кылып салышты да, Кубан кайра Бишкекке, Зулфия менен айдоочу аэропортту көздөй шашылыш жөнөштү. Анткени аэропорттон аны күтүп клиенттер келишмек. Ага жетпей калса иш бүттү. Зуулдаган машина көз ачып жумганча аэропортко жете келди. Аларды күтүп жаткан клиенттер менен шаардын четине чыгып, кызды алып, Зулфиянын колуна бир дипломат карматты. Дипломатты машинанын артына коюп, Зулфия кийимдерин чече баштады. Маска менен кийимдерди сумкага салып бекитти да, чыкыя кийинип, көз айнекти тагынып алганда айдоочу таң кала күзгүдөн карап койду. Машинасын айдап, шаарды көздөй жөнөдү. Зуулдаган бойдон Казакстандан чыгып, тез эле Бишкекке жете келишти. Кубан аларды күтүп турган. Айдоочунун акысын берип, Зулфияны машинасына салып алып анын үйүнө келишти. Алар келгенде Наргиза менен Зарылбек ойноп олтурган.

- Бүгүн бир тойлойлу, базардан майда-чүйдө алып келсек кантет? Эгер макул болсоң мен эс ала берейин, сен барып алып келе кал, - деди Кубан Зулфияга.

- Чогуу эле барып келели. Үйгө да майда-чүйдө алып алайын сен барда, машине менен келип калат.

- Макул алтыным, сенин ийгиликтүү ишиң үчүн бүгүн тилиңди албасам болбойт.

Дарбазаны ачып, кайрадан экөө машинага отурушуп базарга жөнөштү. Кубан машинада калып, Зулфия базарга кирип, бир сааттай убакыттан кийин бир тачка менен толо азык-түлүк алып жетип келди.

Үйгө келип, дасторконду жайнатып, коньяктан соктуруп коюшуп, сүйлөшүп олтурушту.

- Эң сонун иш болду. Ак жолтой болдуң, эми бала табыш үчүн сага машина керек, мындан ары сен бала таап берип турасың, макулбу?

- Өтө кыйын экен, өз жанымды ойлобой эле мынабу экөөнү ойлоп жаттым. Эгер колго түшсөм мен го өз азабымды тартып жата берем, бул экөө эмне болот?

- Анын бетин ары кылсын, бул өтө чоң операция болду. Анткени сен энесиң да, "неберем болот" деп коюп өтүп кетсең болот.

- Ошентсе да кыйын экен. Айрыкча издөө жүрүп жатканда.

Алар акчаны бөлүп алышып, анан Кубан дагы ашыкча эки пачка долларды кошуп берди.

- Бул менин сага берген сыйлыгым.

- Рахмат! - деген Зулфия ага кылгыра карап койду.

Наргиза менен Зарылбек ички бөлмөгө жатышты. Кубан менен Зулфиянын кайсыл маалда жатканын же жатпаганын ал билген деле жок. Тек гана өзүнүн багына ушундай бай аял жолугуп, кыз кылып алганына сүйүнүп жүргөн. Ал эми Кубан менен Зулфия алар уктагандан кийин саунага заказ берип коюп, түн жарымында келишти. Кубан сырттан эле кетти. Кетип жатып:

- Зоичка, мен эми көптө келем, иш чыкканда. Эгер сен "жанагындай" таап калсаң дароо коңгуроо кыл, - деди.

Ичинен кыжыры келип, Анипа экөөнүн жүргөнүн элестетип атса да токтоолук кыла: "шашпайын, дагы эмне болоор экен, шашкан шайтандын иши" - деди. Кубандын артынан көпкө карап туруп, үйүн көздөй басты.

Зулфия эртеси чыкыя кийинип, Зарылбекти да, Наргизаны да жакшынакай кийинтип алып, базарга барып тандап жүрүп эки килем алды. Наргизага да эки сыйра, кышкы кийимин кошо алып берип үйгө кайтышты.

Күндөн күнгө Зарылбек Наргизага ыктап, аны эжелеп жанынан чыгарбайт. Наргиза дагы Зарылбекти жанындай көрүп, эркелетип турат. Бир күнү Наргиза Зарылбекти ойнотуп жүрүп кайра келе жатышса дарбазанын жанында Анипа турган экен. Аны көргөн Наргиза байкамаксан болуп кирип кетерде:

- Чоң, кыз, токтой турсаң! - деди ал.

- Мени айтып жатасызбы? - Наргиза таң кала сурап калды.

- Ооба, ооба, токтой турчу! - деди да, жетип келип Зарылбекти кучактап бетинен өпкүлөп, ыйлап жатканда Зулфия чыга калды. Ал ушул саам өзүн абдан токтоо кармады.

- Эжекебай, мени кечирип койчу, мен... мен энемин да, чыдай албай эле... мен кетем, сиздин эле балаңыз! - деп артын көздөй басаарда Зулфия:

- Ыйлаба Анипа, ыйлаба, эне экениңди эми түшүндүңбү? Мен сенин ушинтеринди ошондо эле билгем. Сен ал үчүн күнөөлүү эмессиң! Үйгө кир, жакшылап сүйлөшөлү.

Анипа унчукпай Зулфияны жал-жал карап үйгө кирди. Үйгө киргенден кийин Зулфия анын астына чай коюп, тамак жасап сыйлады.

- Анипа, келип-кетип тур. Баланы эч качан сенден талашпайм, экөөбүздүн балабыз болсун.

Зулфия андан ары эчтеме дебей туруп калды. Анипа ыйлап-ыйлап, анан көз жашы түгөнгөндөй унчукпай отуруп калды.

- Рахмат эже, мен келип турам, - деди да чыгып кетти. Зулфия көз жашын төгүп отуруп калды. Эмне болуп кеткенине көзү жетпей карап турган Наргиза:

- Апаке, эмне болду, ыйлабаңызчы, мен аны тааныбай эле токто дегенинен токтоп калгам, - деди.

- Эчтеке эмес кызым, келбей турган учуру келет, ага чейин келип турсун.

Зарылбек болсо эч нерсе менен иши жок.

- Апа, апа дейм, - дегенден башкага тили да келбей жанында жүрөт. Айланчыктаган экөөнү көргөн Зулфия аларга жүрөгү элжиреп, эмелеки ызасы тарап кеткендей.

- Садагаларым, эрмектерим десе, эртең айылга, таятаңдарга барып келбесек чарчап кеттим бул жашоодон, баарынан тажап баратам. Эртеси ата-энесине бир сыйра кийим кылып, белек-бечкегин кошо алып, такси жалдап, айылга жөнөдү. Алар Зулфияны кубанып тосуп алышты. Зулфия алып барган кымбат баалуу кийимдерди көргөн ата-энеси кошуна-колоңун чакырып, шаардан барган базарлыктан ооз тийгизип, кызын мактап жатышты.

Зулфия айылда бир жумадан ашык жүрдү. Сагынычтары тараганда шаарга кайтты. Аны ата-энеси узатып кала берди.

Айымды издөөнүн аягы сууп, үмүт үзүлүп, ал жөнүндө рекламалар токтоп, унутула баштаганда Зулфия Кубанды телефон аркылуу чакырып алды.

- Кубан, сени чакырганымдын жөнү - мен машина алсамбы деп жатам, - деди.

- Эң сонун болот, бирок сен алдын ала айдоочулук курсун бүтүрүп, права алып албасаң айдай албайсың, алты ай окуп ал андан көрө.

- Макул анда, окуп алып праваны алганча жыл өтөт экен да ээ?

- Туура, убакыт өтөт, бирок сен баарын үйрөнүп алсаң, өзүңө жакшы да.

- Анда болуптур, - деген Зулфия Кубанды сырдуу карады. Анын эмне каалап жатканын Кубан илгиртпей түшүндү.

- Эмне, бүгүн түнөп кет дегени турасыңбы? - деди.

- Өзүң бил, сен го аялың бар, кааласаң келинкыздарга барасың. Мен байкушту айтсаң... же уруксат бер, мен да өзүмө ылайык бирөөнү таап алып жашайын.

- Кел, төшөк салчы, көп сүйлөбөй. Сен менен беш жыл убакыттан бери эрди-катындай болуп келе жатам. Кыскасы эмнеден кем кылдым - баары бар, айтчы, эмнең кем?!

- Ошон үчүн башка бирөөнү жолотпой жүрбөймүнбү, кеткен боюнча жоголуп кетпей тез-тез келип турсаң боло!

- Келем, сенден ажырабай калайын, деги ниетиңди башкага бура көрбө!?

Зулфия айдоочулук курска кирип окуй баштады. Эгерде машина алып калса бирөөгө жалдырамак беле. Ал Кубандын айтканын туура көрүп, айдоочулук курсту бүтүп права алды. Машина алаар күнү Кубанды чакырып, машина базарга жөнөштү.

Эл көп, кыжылдаган базарда машинанын түрү толтура. Кубан аркы четте турган кызыл иномарканын жанына барып ээси экөө баалашып, Зулфия акчасын санап берип, машинаны айдап чыгып кетишти. Документтерин жасатып, ал күнү кечке Кубан менен Зулфия машинаны "жууп" көпкө чейин олтурушту. Кубан кетмек болгондо Зулфия кетиргиси келбеди.

- Бүгүн кетпей эле койбойсуңбу?

- Жок алтыным, барышым керек, бүгүн аялымдын төркүндөрү келмек.

- Анда макул, качан келесиң?

- Аны айта албайм, бирок өзүм кол бошогондо келип калышым мүмкүн.

- Жакшы бар.

- Болуптур анда, - Кубан машинасын айдап чыгып кеткенден кийин Зулфия дарбазаны бекитип, анан алган машинасын бир сыйра карап айланып чыкты. Ушул азыркы кубанычын толук бөлүшүп жанында болбой, минтип кетип калган Кубанга ызырынып алды.

Эртеси Зулфия Зарылбек менен Наргизаны машинага салып алып шаар кыдырып ойнотуп, кечке чейин жүрүштү. Алган машинасы Зулфия үчүн самолеттон кем эмес эле. Кыялында Жаныш жанында болсо, балдарын салып алып ойноп жүрүшсө. "Өхү, - деп алды Зулфия, - ушунуңа шүгүрчү". Көптөн бери ал Жанышынын элеси менен сүйлөшпөй калбадыбы.

Ар кандай ойлор менен алпурушуп отуруп үйүнө жетип келгенин да байкабай калды.

- Кызым, экөөң уйкуң келсе уктай бергиле, мен анан... - деди да подвалга карай жөнөдү. Негедир ушул кезде калтырап корккондой сезимге дуушар болду. Тепкичтен түшүп, анан текчедеги коробкага жетип аны алганда гана өзүнө келип чыйрала түштү. Колуна баш сөөктү алып аны карай сүйлөп кирди:

- Менин азыр кубанычымды тең бөлүшөөр эч кимим жок, билдиңби? Сен болсо минтип колумда сөөк болуп турасың. Илгерки хандар баш сөөктөн шарап иччү идиш жасатышчу экен. А мен сени жөн гана чарчаганда, ызаланганда сырдашым катары алып жүрөм. Көрдүңбү сени кандай сүйөрүмдү, - Зулфия ойлуу олтуруп калды, - анан менин күнөөм - төрөбөгөндүгүм, аны билип, туюп эле жүргөм. Ошол мен айтканда эле биротоло ажырашып кетсең эмне? Өкүнөм өз кылган ишиме... - Ал ыйлап жатты.

Түн бир оокум болгон кезде баш сөөктү кайра акка ороп туруп ордуна койду. Жогору көтөрүлүп, жертөлөнүн оозун жик билгизбей бекитти да, уйкуга кетти.

Кылаар иши жок, акча деген бар, эмне кылсам экен деп ойлонуп, акыры чочконун торопойлорунан алып келип бага баштады. Зулфияга эрмек табылды. Аларга жем-чөп берет, кыскасы эрикпейт. Баласы жанында ойноп, кызы тамак-ашын жасап, бардыгы жай-жайы менен өтүп жатты.

Бир күнү жолдо машинеси менен баратып Кубан менен Анипанын колтукташып баратканын көрүп калды. Аларды карайм деп алаксып кеткен Зулфия аз жерден алдындагы автобуска урунуп ала жаздады. Машинесин жолдон обочороок токтотуп, эки жакты карап аларды таппай калды. Үйүнө кыжаалат болуп кайтты. "Шашпагыла, шүмшүктөр!" деп алды. Анипа баягы бойдон келе элек, дагы бир келерсиң деген Зулфия аны көзүнө көрүнсө атып салгысы келип турду.

Ошондон көп өтпөй эле Зулфия үйүндө жокто Анипа келип калды.

Аны Наргиза үйгө киргизип чай берип отурган маалда Зулфия келип калды. "Ажал айдап келген экен" - деп койду ичинен. Эч сыр билгизбей учурашып, алжай сурашты.

- Ии, Анипа, кандай, көрүнбөй да кеттиң, келбей койдуң, кыйналбай-кысталбай эле жүрөсүңбү?

- Ооба эжеке, жакшы эле, баары жайында.

- Деги турмушка чыгайын деген оюң барбы, жаш эмессиңби, ушундайда күйөөгө чыгып алсаң болмок.

- Билбейм эже, бирөө бар, анын үй-бүлөсү бар экен.

- Ким деген, эмне болуп иштейт экен, деги сени кор кылбай багып ала турган эмеби?

- Милиция болуп иштейт, эгер макул десең үйбүлөмдү таштайм деп жатат, - Анипа эч нерседен тартынбай эле айтып кирди, - үй сатып алабыз деп жатат.

- Берки үйдү саттыңбы?

- Жок, аны саткан деле жокмун, квартирант жашап жатат.

- Ал үй кимдин наамында?

- Менин...

- Ий-ии, жакшы экен. Баса, Анипа, эгер бош болсоң машина менен сени бир ойнотуп келейин, жүрү!

- Жок эже, бүгүн эмес, бүгүн кеч кирип калды, анын үстүнө бир жакка бармакмын.

- Жетишесиң, жүрү, - деди Зулфия жини келгендей. Машинага олтурду да, Анипаны олтур дегендей ишарат кылып каалгасын ачты. Ал кыйылып туруп түштү. "Ким эле өлүмгө өз макулдугу менен келсин" - деди ичинен Зулфия. Машинасын жол боюндагы кафелердин бирине токтотту да, ичкери кирип жайланышып, тамакка заказ беришти. Бир бөтөлкө "Черные глаза" виносун алып кичинеден ууртап коюп, сүйлөшүп олтурушту.

- Анипа, ачыгын айтчы, сүйлөшкөн адамыңдын аты ким, эгер мен таанысам ага айтайын, сенин бактылуу болушуңду гана каалайм.

- Кубан...

- Да-аа. - Зулфиянын жүрөгү "зырп" этти: "Демек буга үйлөнөйүн деп жаткан экен да", - мен аны тааныбайт экенмин, - деген Зулфия ичинен "азыр эмес, эмкиде жайласамбы? Жок, жок, эмкиге калтырууга болбойт!" деп ойлоду.

Зулфия менен Анипа орундарынан туруп эшикке чыкканда саат кечки тогуздар чамасы болуп, иңир кирип калган эле. Машинага олтурганда Анипа:

- Эже, мен кечигип жатам, - деди чыйпылыктап.

- Эчтеке эмес, азыр мен сени жеткирип койом...

Анипа унчукпай олтуруп калды. Бирок зыпылдаган машина түндү жарып кайда кетип баратканын Анипа баамдай албай баратты. Анткени вино ичип алганга анын көзү алачакмактап бара жаткан.

Бир кезде машина бактын ичине токтоп, Зулфия жерге түштү да, ары көздөй басып жанатан даярдап алган бычагын колуна кармап: "Ээ, Кудай, кечире көр, дагы бир адамды өлтүргөнү турам, мен эмес өзү күнөөлүү, ал дайыма менин жолума бөгөт болуп, менин бактымды талашып жатпайбы..." - деп күбүрөндү. Аңгыча артынан келген Анипа:

- Эже, мен кызып калдым окшойт, бул жакка эмнеге келдик, үйгө барайынчы эжекебай, жүрөгүм элбе-делбе болуп коркуп жатам.

- Эмнеге коркуп жатасың, менденби? - Зулфия күлүп койду.

- Жок, жок, сизден коркуп эмне... Жөн эле жүрөгүм ойноктоп, коркунуч ээлеп алды дилимди.

- Анипа, айтчы, качан мага жолтоо болгонуңду койосуң?

- Эмне? Эмне дейсиз, жолтоо болуп дейсизби?

- Ооба, жолтоо болуп жатасың. Ар убак менин бактымды талашып туруп алдың!

- Мен эч нерсеге түшүнбөй жатам, эже.

- Түшүнбөсөң түшүнүп ал: Жанышты менден сен алыстаттыңбы?

- А-аа, кечирип коюңузчу эжекебай, мен... - ал мукактана сөз айталбай туруп калды.

Ансайын Зулфия кыжыры кайнап, жини келип Анипаны ийинден тарта өзүнө каратты.

- Кубанчы, ал дагы менин азыркы кездеги жан жыргалым, сүйгөнүм болчу. Эми аны да менден тартып алдың!

- К-к-кантип? Чын элеби? Мен аны билген эмесмин да, - Анипа көздөрүн алайта коркконунан Зулфияны кучактайын дегенде ал аны түртүп жиберди.

- Жолобо канчык! Жаныма жолобогун, мен эми сени Жаныштын жанына өз колум менен жиберем, Кубан мени менен калат, уктуңбу?! - көздөрүнөн заар чачыраткан Зулфия Анипага жакындай бергенде ал нес болгондой качууну да ойлобой тура берди. - Билсең, Жанышты ушул колум менен мен жайлагам, эми сени да жайлайм. Менден эми тирүү кутулам деп ойлобой эле кой!

Ошондо гана эмеле ичкен виносунун кызуусу тарап, заматта соо боло түшкөн Анипа Зулфияга жалынып-жалбарып кирди:

- Эже, эжекебай, мени өлтүрө көрбөңүз. Мен жашмын, жашагым келет, - ыйлап жиберди.

- Жашагың келсе тим жүрбөйт белең, менин бактыма жолтоо болбой. Жок, мен сени тирүү койо бербеймин!

Ал кетенчиктеп качып бара жаткан Анипаны жетип барып кармаганда тигил эч үн чыгарбай коркконунан калтырап туруп калды.

- Жан ширин, жашоо кызык, сен аны жакшы билесиң. Үнүңдү чыгарба. Сен Зарылбекти да менден бир кезде тартып алууга аракет кылышың мүмкүн.

- Жо-ок эжекебай, атыңызды атап, жолуңуздан чыкпай калайын, өлтүрө көрбөңүз!

- Чын элеби, атымды атабайсыңбы? - деген Зулфия калтырап-титиреп турган Анипага жини келе карап туруп бычакты шилтегенин билбей калды.

"Ык" дей түшүп өзүнө карай шалак бой таштаган Анипа ичин баса бир нерсе дегенге алы келбей:

- Эж-же, м-ме-ни өлт-үрб-бөң-үз! - деп барып жыгылып калды. Зулфия Анипаны ошол жерге таштап коюп, машинанын жанына келди да, колундагы бычакты эстей калып жерди чукуп бычакты көөмп, үстүнө чөп-чардан таштап, машинасына олтуруп жөнөп кетти. Анипа чала жан болуп кансырап жаткан болчу.

Зулфия үйүнө келсе балдары эчак уктап калышыптыр. Шырп алдырбай үйгө кирип ички үйүнө өттү да, жертөлөгө түшүп, коробкадагы башты алды.

- Жаныш, кечирип кой, мен анык канкор болдум. Бирок өзүңөр күнөөлүүсүңөр. Анткени өзүңөр мени кылмышка түртүп жатпайсыңарбы... Деги түшүмө да кирип койбойсуң, же Анипаны менден артык сүйдүң беле? - ал сустая түшүп, анан, - эгер аны ошончолук сүйгөн болсоң бүгүн аны сага жөнөттүм, тосуп ал, уктуңбу, тосуп ал!

Зулфия мостойгон бойдон баш сөөктү кармап көпкө олтурду.

Ошондон үч-төрт күн өткөндөн кийин Кубан келип калды. Кабагы бүркөө. Зулфияга негедир бугун чыгарып, сырын айткысы келип мындай деди:

- Зоя. Зоичка, мен азыр күйүттүүмүн, менин күйүтүмдү кошо бөлүшө аласыңбы, билбейм...

- Күйүт, күйүт дейсиңби? Деги бала-чакаң аманбы?... - Зулфия билмексенге салып сурады.

- Ооба, күйүтүм күчтүү, сен мени кызганбачы, сен экөөбүз башында ойнош, дос катары жүрөбүз деп сүйлөшпөдүк беле, туурабы?

- Туура, эсимден чыга элек.

- Мен бала кезде жолукпаган сүйүүгө эми, кырктан ашканда жолугуп, дүйнөм түгөл, ал тургай үйбүлөм менен да ажырашайын деп жаткам.

- Ошончолук эле бала-чакаңды таштоого мажбур кылып, эс-акылыңды алып алдастаткан аял кандай аял болду экен, деги эмнеси болсо да абдан бактылуу экен, ээ? - Зулфия Кубанды ызалуу, кекке толгон көз карашы менен сынай карады.

- Антип менин сыздап турган жүрөгүмдү оорута көрбөчү, кудай жалгагыр, ал деле сен окшогон эле аял, болгону мен аны чын дилим менен жакшы көрүп калган элем, кыскасы сүйгөн элем...

- Аа, аа, сүйгөм дечи?! Бир кезде Жаныштын барында эле менин да артымдан жүгүрүп, өпкө-жүрөгүңдү чаап жүргөн элең, көрсө эркектер ошондой калк турбайсыңарбы?!

- Табаласаң табала, кызгансаң кызган, мен аны чын дилим, чын жүрөгүм менен сүйүп калгам, эми баары бүттү, ал жок, ал жок, уктуңбу? Аны бирөөлөр өлтүрүп кетишиптир!

- Койчу, чын элеби?

- Эмне, мен сага калп айтып жүрдүм беле?

- Жаман болуптур, мен сени эмнеге табаламак элем, курган жүрөк эски досту кыйбай жатканы го...

- Ошондой, Зайка, мен азыр кан жутуп олтурам, билсең. Ал байкуш абдан жаш эле да, аны эмнеге, кайсы күнөөсү үчүн өлтүргөнүн билбейм, ал өзү да жетим болчу.

- Издеп жатасыңарбы анан? - Зулфия бир аз сумсая, чындап кабатыр болгон адамдай сурап койду.

- Издеп жатабыз, кокус кармалып калса өз колум менен атып салат элем, табылбай кетсе арга канча.

- Кой эми, олтуруп тамактан, күйүтүңдү жүрөгүм менен сезип, кошо бөлүшөйүн. - Зулфия дасторкон жайып, арыдан бери үстүн толтуруп жиберди.

- Жүрөккө эч нерсе барбай турат, андан көрө төшөк эле сал, эс алалы.

Зулфия алып келген тамактан бираз ичип, анан кыңкая жата кетти. Арыдан бери төшөк салып, эс алууга киришти.

Эртеси Кубан ордунан туруп сыртка чыгып жуунуп келди да, Зулфияны ойготууну ойлоп эңкейгенде ал ойгоо эле. Бираз жаткан жеринен эркелетип, бетинен өөп, анан:

- Зайка, мага капа болбочу, сен менин эс алуучу жайым, чаңкаганда суусунумду кандырчу булагым экениңди унутпа, сага мен кубанганда кубанчымды, кайгырганда кайгымды бөлүшөт деп келем, сырдашаар ак барагым, муңумду айтаар курдашымсың билсең. Мен сени эч кимге, эч бир аялга алмашпайм!

- Ха, ха-ха! Чын элеби? Бир кезде Жаныш да ушинтип айтчу, алмашмак тургай менден биротоло караанын көрсөтпөй кетип калбады беле? - Зулфия ойлуу улутунуп алды. - А сен кимсиң, өзүң каалаган гана кезде көңүлүңдү көтөрүп эс алуу үчүн, кумарыңды кандыруу үчүн гана келесиң, а менин эмнени самаарымды, эркектен эмнени күтөөрүмдү билбейсиң, билсеңер да билгиңер келбейт, эркектер.

- Зайка, андай дебечи, кол бошобой калат чынында, кантип эле сени унутуп калмак элем, - Кубан Зулфияны кучактап өөп койду.

- Билесиңби, аялдар эркектен эмнени күтөт? Аларга силердин жалгыз гана алигиңердин кереги жок. Силердин жылуу кучагыңар, эркелетип сүйлөгөн жакшы сөзүңөр, аялга арналган мээримиңер керек. Аял канчалык оор турмуштан тажап, көңүлү чөгүп, жүрөгү ооруп турса да эркек кургур имере кучактап, элжиреп өөп, жылуу сөз айтып жубатып койсо баарын унутуп, бейпил турмушта жашап, кылымдар бою эч жамандык көрбөгөндөй момурай түшөт эмеспи.

- Алтыным, анын барын билем дечи, ошого убакыт болбой калган учурлар болот экен. Кечирип койчу, мындан ары тез-тез келип турам, - деген Кубан ордунан тура жөнөгөндө Зулфия ордунан туруп барып тамак-ашын койуп, дасторконго чакырды. Экөө бир топко чейин үн катпай тамактанышты да, Кубан кетүүгө кам урду.

Зулфия Кубанды жөнөткөндөн кийин өзүнчө ойго батып көпкө-өө тунжурап отуруп калды: "Кудая тобо-оо, бу эркектер кызык эле калк болот тура, бирөөнө айткан эле сөзүн дагы бирөөнө кайталап, бир мүнөттүк жыргал үчүн кара жанын садага чаап ийүүгө да даяр. Жаныш да дал ушундай тажатма сөздөрү үчүн өз энчисин алды. Болбосо аны жанымдай жакшы көрчү эмес белем. Ошол кезде Кубан Жанышка билгизбей тийишип жаны калчу эмес, ал тургай бир-эки жолу ээн боло калганда: "Сени сүйүп калдым, Зоя, уктасам түшүмдөн, күндүзү эсимден кетпей койдуң, боор ооруп койсоң боло, мен деле адам баласымын го?" - дегеничи. Эми карасаң, "сүйүп калдым эле" деп уялбай айтып олтурганын. Чала болот сага, мен эми сени эч качан күтпөймүн, ал тургай эркек аттууну жек көрүп калдым". Ызадан көздөрүнө жаш кылгыра ордунан турду да, жыйыла элек төшөккө жатып алып эчкирип ыйлап кирди.

Ошондон кийин Кубан көпкө келбей кетти. Зулфия аны эстеген сайын ичи өрт менен жалын болуп ого бетер ал кечиккен сайын туталана берди. Өмүрүнүн жалгыз өтүп жатканына, өзү ишенип дилин, бүт тулкусун арнаган адам минтип дагы башка бирөөнү, болгондо да Жаныштын аялын "сүйүп калдым" деп оозунан көк түтүн буркурап жатса кантип күйбөсүн. Канчалык аны көргүсү келбей ошол бойдон алыстап унуткусу келгени менен жалгыздык аны кимдир бирөөнү күтүүгө мажбурлап жатты. Сансыз ойлордун жетегинде термелип, кунарсыз өтүп жаткан күндөрүнө кайгырып жүргөн кезде кеч күүгүм ченде Кубан келди. Адегенде Зулфия аны анча кабыл алган жок, бирок эпилдеп-жепилдеп өөп, алды-үстүнө түшө калып, эч нерсе болбогондой жаркылдап кирген Кубанды көрүп аялдык кең пейил, кечиримдүүлүгү жеңип:

- Кел, кел, деги аман-эсенсиңби, сени эми көрбөймүн го деп ойлодум эле, анткени бая күнкү кайгы сени менден алыстатып салат деп жүргөн элем.

- Койсоңчу, Зоичка, ушундай арам ойду ойлобой жүрчү, жумуштан кол бошобой эле, анын үстүнө кылмышкер табылбай кетип бөөдө бир бечаранын убалына калып жатпайбы...

- Табылбай жатабы, издөө күчтүү болсо табылышы мүмкүн эле го, балким сенден башка дагы бирөө менен мамилеси болсо...

- Жок-жок, андай болушу мүмкүн эмес болчу, анткени анын ишеничи менде күчтүү болчу, ал андайга барбайт эле да.

- А-аа, сен ага кудайыңдай эле ишенип калган экенсиң да, ээ? Көрсө сен аны менен күнү-түнү бирге болуп жанынан чыкпай калсаң керек?

- Ошондой десе да болот, себеби көпчүлүк убактымды ага бөлүүгө аракет кылчумун. Анткени ал жаш эле да. Зоя, сен ошону билсең.

- Билдим, түшүндүм, сенин аялың дагы, мен дагы картайып калбадыкпы, туура-туура, биз картайдык. - Зулфия улутунуп алды да, үйдү көздөй баштап кирди.

- Кеп анда деле эмес, чынында ал жетим болчу, жакын адамы да жок экен. Зулфия, ойлочу, бир бечараны бактылуу кылгым келген, сүйүүсүнө сүйүү менен жооп бергим келген...

- Туура кылгансың, бактылуу кыла бер!

- Табалабачы, эми ал жок болсо кимди бактылуу кылмак элем?

- Аялыңды, мени...

- Силер ансыз да бактылуусуңар, эмне, дагы эмне керек? Үй, машина, бала десе балаңар, ата-энеңер, күйөө, ойнош - баары-баары бар, эмне жетишпейт силерге, ыя?! - Кубан ачуулана кыйкырып сүйлөп кирди эле, Зулфия аны тикирейе карап койгондо унчукпай барып диванга олтуруп калды.

- Ооба-аа, баары бар дечи, ал эми менде сен айткандын экөө жетишпейт, биринчиси - күйөөм жок. Сен бирөөнүн эрисиң, каалаганда келесиң да, каалабасаң жок. Ал эми аялыңдыкы төрт тарабы кыбыла! Ал эми мен бирөөнүн баласына жалбарып олтурам.

- Койчу, Зулфия, мен сага келгенде эс алуу үчүн, сени менен чер жазып өзүмдү алаксытыш үчүн келсем эрди-катындай жаңжал кылчу болдуң да. Келчи, андан көрө эркелешип алалы, аны унутчу, ал бүтпөдүбү.

Зулфия унчукпай калды да, дасторкон жайып, чай алып келип Кубанга чай сунду. Экөө бир тынымга үнсүз олтуруп чай ичип олтурушту. Ортодо тынчтык өкүм сүрүп, чай кашыктын чыныга тийген шыңгыр үнү гана угулуп жатты.

- Келген экенсиң, мен сени менен ачык сүйлөшөйүн деген элем, эгер менин оюмду туура көрсөң мындан ары экөөбүз жолукпай эле койолучу, мен ушу кезде баарынан тажадым, азыр мага эч нерсенин кереги жок болуп калды...

- Зайка, жаным десе, антпечи. Кантип мен сенден алыстайм, айтсаң?! Эч кандай мүмкүн эмес, мен сени эч кимге бербеймин! - Кубан тура калып, Зулфияны кучактап өөп, так көтөрүп алып диванга жаткырды да: - Же сен бирөөнү таап алдыңбы?

- Тапса эмне экен, же мен такыр эле эч кимге керек эмесминби, же эркектер жактыргыдай аял эмес бекенмин?

- Бас жаагыңды, менин көзүмдүн тирүүсүндө эч кандай эркек басып келиши керек эмес бул үйгө, мен гана келем, уктуңбу? Кокус чоочун эркектин жыты эле билинсе менден жакшылык күтпө! - Кубан ордунан туруп барып чылым күйгүзүп, ары-бери басып ачуусун токтото албай жатты.

- Ха-ха-ха, "уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат" деген ушул да, жалгыз сени күтүп олтуруп, мен үчүн күн өтүп, таң атмагы кыйын болуп жатканы баары бир экен да сага, ээ?

- Балдарыңды алып келип алсаң таң атканын деле билбей каласың.

- Балдар кайда качмак эле, алар го келет дечи, сенин ордуң башка экенин ушул кезге чейин сезе элексиңби, ыя?

- Болду, башты оорута бербей ишиңди кыл, мага дагы бир бала керек, мындан ары только жаш балдар менен болот ишибиз. Анткени бизге ошондой тапшырма болду жогортон, баасы да кымбат.

- Жаш балдарды табыш кыйын экен, кокус колго түшүп калсам силер мени бошотуп албайсыңар да. Кандай кылышты билбей калдым, анткени кийинки күндөрү түшүмө Жаныш кирип абдан кыйналып жүрөм.

- Эч коркпо, алтыным, мен сени эч кимге, эч бир азапка салып берип басып кетпейм, эч качан коркпой иштей бер!

- Корккондо-коркпогондо эмнеси калды, кандай болгон күндө да кылмышкермин да, кылмышкерге баары бир эмеспи.

- Жок, андай дебе. Кыскасы, үч күндөн кийин келем, кыз-эркегинин айырмасы жок, беш жашка чейинки балдар болсо болду. Сөзсүз таап койгун!

- Болду-болду, айтканыңыз аткарылат. Эгер мүмкүн болсо, бул адамдардын тагдыры кандай болуп жатканын билсем жакшы болот эле...

- Тагдырыбы? Тагдырын, садагасы, мен да билбейм. Өз тагдырыбызды ойлойлучу, андан көрө ишиңди так аткар да, эмгегиңди алып, ханышанын жашоосундай жашоого магдырап жашай берсеңчи!

- Койдум-койдум эмесе, сөз бүттү.

- Бүрсүгүнү кечинде келем. - Кубан ордунан туруп баратып Зулфияны кучактап өөп койду да, сыртка чыгып машинасын айдап жөнөп кетти.

Зулфия бул саам кайдыгер гана анын артынан карап туруп эшигин жаап, үйүнө кирип кетти.

Зулфия шашылган жок, ал күнү да, эртеси да эч жакка чыкпады. Үчүнчү күн дегенде ал эртең менен эрте туруп тамактангандан кийин шашпай кийинди да, арткы эшик менен базарды көздөй чыгып жөнөдү.

Базарга келгенден кийин ал алчуларын алды да, акырын эки жакка көз салып бара жатып, аркы-терки өтүп жаткан элдин арасында бир кичинекей бала эки жагын карап бирөөнү издеп элеңдеп турганынан, анын адашып калганын байкай койду да, ага жетип барды.

- Уулум, кимди издеп жатасың? - деп Зулфия андан сурай бергенде көздөрү жашылданып ыйлайын деп калган бала аны жалт карады.

- Апамды-ыы, - ал ыйлап жиберди. - азыр эле бул жерде турган, таппай жатам.

- Анда жүрү, апаң менин сиңдим болот, мени ээрчитип кел деген эле, жүрү жүрө гой тезирээк.

- А сиз ким болосуз?

- Менби, мен сенин апаңдын эжеси болом, тигил жерден жолугуп алып мага сени дайындаган.

Зулфия баланы колдон ала жетелеп жөнөгөндө ал дагы тарткынчыктабай ээрчип жөнөдү. Алар базардан ээрчишип чыгып калганда радиоузелден: "Урматтуу Ош базарынын меймандары жана кызматкерлери! Үч-төрт жаштагы бала ата-энесинен адашып калды, көрүп калгандар болсо радиоузелге кабарлап койсоңуздар, ата-энеси күтүп жатат", деп жарыя берип калды. Ан сайын Зулфия баланы колдон бекем кармап тез-тез басып бара жатты. Базардан узап, ызы-чуу болгон эл суюлуп калганда бала негедир бир нерсе сезгендей:

- Сиз кайда апарасыз мени, биздин машинабыз бар болчу, атамдар машинага барган чыгаар?... - деп суроолуу жалдырай карады Зулфияны.

- Машинаңар кайда эле, билесиңби кай жерде токтогонун?

- Жо-ок.

- Анда мен бул жүктөрдү үйгө жеткирип коюп, анан үйүңө жеткирейин, мен силердин үйүңөрдү билем.

- Анда макул. - Кантсе да бала да, макул боло үндөбөй калды.

- Атыңды айтчы, берекем, атың ким эле?

- Азамат.

- Азамат? Өзүң да азамат бала экенсиң, ээ?

- Мени апам чо-оң жигит болуп калдың, ыйлабай жүр деген болчу.

- Апаңдын тилин алган акылдуу бала турбайсыңбы!

- Ооба.

Алар ээрчише үйгө жетип келишти да, Зулфия жолдон бурулуп, үйдүн артындагы жашыруун эшик менен кирип, баланы оозгу бөлмөгө отургузуп туруп:

- Ушул жерде отуруп тур, ээ. Мен буларды үйгө киргизип, анан чыга калам, - деп колундагыларды ага көрсөтүп ички бөлмөгө кирип кетти да, кийимин чечинип кайра эч нерсе билмексен боло кирип келип:

- Ой-оой, жигит, кимдин баласысың, кайдан келдиң? - деди жайдарылана.

- Айбектин.

- Азамат бала турбайсыңбы.

- Ийи, - Азамат акырын жооп берип, эки көзү каалгада болуп жатты. - Мени үйүмө алып барам деген апа кана?

- А-аа, билбейт экемин кайда кеткенин, азыр машина келип сени үйүңө алып кетет.

- Караңгы болуп калсачы?

- Баары бир сени жеткирет, коркпо, ээ? Сен чоң жигит болуп калган турбайсыңбы.

- Корккон жокмун, атам мени коркок бала болбо деген болчу.

- Оо аз-замат, сен атаңын айтканын так аткарат турбайсыңбы, ыя?

- Ооба, мен жакшы баламын.

- Азамат десе, - Зулфия Азаматтын ыйлабай олтурганына ичинен кубанып: "Кубан эрте келип калгай эле", деп чыдамсыздык менен күтүп жатты.

Сыртка чыгып, кайра кирип тынчы кетип жатканда Кубан келип калды. Ал келип эле баланы көрүп сүйүнүп кетти да:

- Тезирээк баралы, ала кел дешти эле, - дегенде Азамат машинага өзү эле түшүп олтуруп калды.

Ичинен жым дей түшкөн Зулфия менен Кубан бири бирин көздөрүнөн түшүнүшүп эптеп эле ыйлатпай алып кетүүгө ашыгып жатышты.

- Жанагы кемпир кана, менин апамдын эжесимин дебеди беле? Ал эмнеге мени жеткирип келбейт?

- Анын жумушу чыгып калып шашылыш кетип калды, сөзсүз ал силердикине барат, азыр сени бул киши үйүңө жеткирет.

- Сиз биздин үйдү билесизби?

- Ооба, билбей анан, силердикине барып жүрбөйүмбү, же тааныбай жатасыңбы?

- Жок, тааныбайм.

- Кел анда таанышып алалы, менин атым Сейит, эми унутпайсыңбы?

Азаматты алаксытып кете берди. Зулфия турган ордунда биразга машинанын артынан карап турду да: "Балдарымды алып келишим керек, Наргизанын окуусу жакындап калды", деп ойлоп айылга жөнөө үчүн майда-барат алып келейин деп базарга барууну ойлоду да, анан үйгө кирди.

Ошол эле күнү Зулфия айылга барып ата-энесине жолугуп, уул-кызын кучактап өөп, кубанычка батып, ал күнү калып калды. Эртеси Наргиза менен Зарылбекти алып шаарды көздөй жөнөдү. Үйгө келгендин эртеси эле Кубан келди да, бардык иштин жакшы бүткөнү тууралуу кеп-сөз кылып келип, анан Зулфияга жылмая карады:

- Зоя, бул операциябыз дагы эң сонун бүттү. Кыскасы. бул иштердин баардыгында сенин эмгегиң чоң, ошон үчүн мына бул 10 миң доллар менен кошо бул француз арагын ала келдим. Ишибиздин ийгиликтүү болушу үчүн бүгүн бир ичип койолу, - деп бир тутам белинен буулган жашыл кагаздарды Зулфиянын колуна карматты.

- Ох-хоо, куттуктайм, эч кандай коркунуч болбой бүттүбү? - биразга томсоро ойлуу боло калып, - мен бара-бара чоң кылмышкер болуп баратам, кокус колго түшсөк өлүм жазага кетем го!

- Анын бетин ары кылсын, жаман ойлой бербечи, алтыным. Кылмышкермин деп ойлонбой жүр, биз жөн гана иштеп жатабыз, билесиңби, жашоо керек, жан багыш парз, ошол жашоону жакшы жашап өтүшүбүз керек...

- Түшүнөм дечи, бирок өзүмдүн кылмышкер экенимди ойлогондо түнү бою кирпик какпай таң атырчу болдум.

- Антип өзүңдү чөгөрө бербечи, алтыным. Кел бираз эс алып, анан кетейин, - Кубан төрдөгү диванга чалкалай отуруп калды. Зулфия бир заматта аны-мунусун алып келип, дасторкон үчтүн толтуруп жиберди.

Кубан менен Зулфия көпкө чейин аркы-беркини сүйлөшүп олтуруп, бираз кызып да калышты.

- Зойка, сага бир жаңылыкты айтып койушум керек, мындан ары сени менен башка бирөө иштешет. Менин мындан ары колум бошобойт.

- Эмне, мени ага биротоло өткөрүп бересиңби? - Зулфия аны сынай карады.

- Жок, аны менен тапшырма боюнча гана иштешесиң, ал эми өзүң менин гана энчимде каласың.

- Кайран эр десе, энчилеп алганын кара, жумуш боюнча гана деп жатканын, аның деги адам менен иштеше ала турган эмеби?

- Жумушка жаңы кирип жатат, ал эмне десе аткара бересиң, кылт этсе мага айтасың, башын жулуп алам.

- Оо кудай, тим эле мыкаачыга айланып бараткандайсың да, сага башын жулдуруп койуп ал да туруп бере койбос дейм.

- Кылт этсе эле сөзсүз айт, менин тапшырмам боюнча гана иштейт, менсиз шак жылбайт. Ал болгону аткарат, мен сени менен эсептешип турам.

- Болуптур, аны көрө жатаарбыз, али келелек адамдан кызганбай койо тур эми, же мени дөбөт издеген канчыкка окшотуп жатасыңбы?

- Койчу, жаным, дароо эле тескери алып кетесиң да. Макул анда, мен барайын.

- Эмне, түнөбөй эле кетесиңби?

- Эгер колум бошоп калса, эки күндөн кийин келем, ал эми азыр зарыл жумушум бар, саат төрткө жолугушаар жерге барышым керек.

- Жакшы бар анда.

- Давай, сөзсүз келем.

- Күтөм.

Кубан машинасын айдап дарбазадан чыгып кетти. Зулфия эшигин бекитип, үйүнө кирди да, Наргизанын китеп окуп жатканын көрүп, өзү ашканага кирип тамак жасоого киришти.

Бай турмуш, жай турмуш кимди гана манчыркатпасын. Зулфия чынында абдан ак көңүл, боорукер аял болчу. Кээде ал өзүнүн кылган ишине жүрөгү ооруп, аябай жинденип алат да, өзүн-өзү сооротуп: "Өз кылмыштары башына жетти", деп ойлонуп алат. "А тиги наристелерчи? Ал эми тачкисттерчи?" - деп ойлонгондо жооп табалбай, өз суроосунан өзү кыйналып кетет.

Кубан болжогон күнү келип калды. Зулфия да аны жаркылдап жакшы тосуп алды. Дасторкондо эмне гана жок! Баарын жайнатып, дүйүм тамакты койуп алып күлүп-жайнап отурушту. Ушул убакта экөө тең чексиз бактылуу болуп, өмүр бою бирге жашап келаткан жубайлардай бир-бирине өнтөлөп жатышты.

Улам аз-аздап ичип отуруп, экөө тең кызып калды. Акыры жатаарга келгенде гана экөө ички үйгө кирип, спальныйга киришти. Бул убакта Наргиза менен Зарылбек уктап калышкан болчу. Зулфия спальныйга жетип эле жаткан бойдон уктап калды. Кубан да итабар кызый түшкөн, бирок ал эркек эмеспи, Зулфияга караганда сопсоодой эле.

Эртеси Кубан кетип баратып:

- Зоя, мен түштөн кийин баягы айткан адамды ээрчитип келем, үйдө бол, - деп коюп чыгып кетти.

Күткөн менен ал күнү Кубан келбеди. Зулфия абдан кыжаалат боло күтүп жатты. Кичинекейи эркелеп жанынан келип кайра-кайра былдырап жүрөгүн элжиретип жатса да, Зулфия мостоюп өзүнчө мерез болуп кыжаалат ойдон арылалбай жатса кантсин. Арадан үч күн өтсө да Кубан келбей кечикти. Наргизанын окуусу жакындап калгандыктан Зулфия ага кийим-кече алып берүүгө базарга жөнөдү. Наргиза Зулфиянын кымбат баалуу кийимдерди алып бергенине аябай кубанып, үйгө келгенден кийин ыраазылыгын билдирип эки бетинен алмак-салмак өөп жатты:

- Апаке. мен сизге ыраазымын, өз апам жок болсо да сизди менин маңдайыма жазып койгонуна кубанамын, менин багыма, Заки экөөбүздүн маңдайыбызда сиз эле аман болуңузчу!

- Берекем, ырыстарым десе, силер үчүн кара жанымды да аябай калайын.

Эне-бала ошентип өздөрүнчө мамыр-жумур болуп кубанычта отурганда дарбазанын коңгуроосу басылды.

- Берекелерим, буларды ал дагы, тигил үйгө киргиле, - деген Зулфия сыртка жөнөдү. Дарбазаны ачканда Кубан менен зыңкыя кийинген жаш жигит турган экен.

- Кел, келгиле.

- Келип калдык, - Кубан үйгө баштап жөнөдү.

- Киргиле, үйгө киргиле! - Зулфия Кубанды жылмая карады. - Эмне, машина сыртта эле калабы?

- Ооба, биз тез эле кетебиз, жумуш чачтан көп.

Аңгыча үйгө кирип келишти.

- Зоя, бул бая күнкү мен сага айткан жигит, аты Эрнис. Таанышып койгула, мындан ары бул жигит менен иштешесиң.

- Кабыл алдык, сиз кандай десеңиз ошол. Даам ооз тийгиле, - Зулфия дасторкон жайды.

- Даам ооз тийгенден качпайбыз, чай-пайың болсо да мейли, - Кубан тамашалай Эрнисти карап күлүп койду.

- Баары болот, ан үчүн шашпай олтурууңар керек.

- Үй ээси кандай десе биз кайда барабыз, конок койдон жоош эмеспи.

- Жарайт, заматта баары даяр болот. Силер чай ичип олтура тургула, - деген Зулфия сырткы үйгө чыгып газга тооктун этинен куурдак жасай койду да, сервантынан коньяк алып чыгып столго койгондо Кубан жадырай күлүп тамашалай сүйлөп кирди:

- Оо-ой Зоичка, абдан зирек аялсың. ээ! Карачы даярдап койгонун, куурдакты да кууруп, анан бизди күтүп жаткансың го, ыя?!

- Ооба, үч күндөн бери даярдап күтүп жатканымды билесиң да.

- Кечиресиз, сулуу кыз, ошондой жумуш чыгып кармалып калдым, айтканымды унуткан жокмун, ал үчүн кечирим сурайм.

- Эч нерсе эмес, келгиле анда, тамакка карагыла, - Зулфия стакандарга коньяктан куюп сунду. Биразга ортодо сөз уланбай тамактанып олтурушту.

- Эмесе, Зоя, бул иниң экөөңөрдүн мындан аркы ишиңердин ийгиликтүү болушу үчүн мен тост айтып койойун, ар убак иштерибиз, Эрнистин алгачкы кадамы ийгилик алып келип, бара-бара шефтин ишеничине кирип, каныккан гөзөлдөрдөн бол, ишибизде жетишкендиктер көп болсун!

- Рахмат, айтканыңар келсин.

- Рахмат. - Зулфия да жылмая карап, ыраазылыгын билдирип койду.

Анан Эрниске сөз берип, кайрадан коньяк стакандарга толду.

- Эмесе эже, мен сиз менен таанышып, сиздин ак дасторконуңуздан даам татып олтурганыма жана сиз менен иш жолдорум байланыш болуп олтурганына өтө кубанычтамын. Мындан ары бизге Кубан байке шеф болот да, биз анын аткаруучулары болобуз. Ошондуктан баарыбыздын иштерибиз ийгиликтүү болсун жана баарыбызга денсоолук каалайм!

- Ошондой десе да болот, эмнеси болсо да так жана сак болгула!

- Сагызган менин эжем, ошондуктан ал жагынан эч кабатыр болбогула. - Зулфия тамашалай күлүп сүйлөдү.

- Эң сонун ийгиликтер, жетишкендиктер боло берсин!

Үчөө көпкө олтурушту. Бир топтон кийин алар кетүүгө ордуларынан турду да, Кубан машинаны от алдырып, Эрнисти жанына олтургузуп жөнөй бергенде үйдөн Зарылбек менен Наргиза чыга калышты. Эрнис Наргизаны ары кетип жатканда узата карап туруп, анан Зулфиядан сурап койду:

- Кызыңызбы?

- Ооба, кызым.

- Өзүңүзгө окшоп сулуу кызыңыз бар экен.

- Рахмат, аман эле болсун, сулуу кызым бар.

- Кыз көрсөң жабышып калмайың бар го, ээ? - Кубан аны тамашалай каткырып күлүп койду.

- Ой байке. сулуу кыздарды кимдер сүйбөгөн, кимдер карабаган, мен деле тирүү жанмын да.

- Ой-оой азамат десе, туура-туура! Кой анда, азилдешип тура бербей кетели.

- Жакшы баргыла, - Зулфия машина кеткенден кийин эшигин жаап, анан үйгө кирип, уулу менен кызынын жанына барып жата кетти.

***

Кубан адеп бул ишке киргенде шефке жолугуп, андан өзгөчө тапшырма алган эле. Ошондо шеф аны сынай карап олтуруп:

- Иничек, биздин жумуш өтө татаал, жандан кечүүгө даяр болуп, жашыруун өтүш керек. Эгер биз менен иштешем десең, сөзгө бек, ишке так болушуң керек.

- Аксакал, ал жагын жакшы билем, айтканыңыз орундалат.

- Балдар баарын түшүндүргөн чыгар, бизге алдуу-күчтүү жигиттер керек, ал үчүн өзүңө ишеничтүү аял таап алышың абзел, анткени аялсыз эч нерсе жасай албайсыңар.

- Макул аксакал, табам.

- Эмесе ишке кирише берсең болот, так иштесең миң доллар айлык алып турасың, эгер сырга бек болалбасаң башың менен жооп бересиң!

- Жарайт, түшүндүм. - Кубан машинанын рулун башкарып келатып ушуларды эстеди. Шефке жагып, маянаны жакшы алып, андан сырткары өз ишин жакшы аткарган билимдүү ишкер жигит, чини да жогору турган Кубан азыр шефке оң кол болуп алган эле. Ал ошондо шефтин: "Бир аял таап, ошол аркылуу иштегин", деп айтканын эстеп, дароо эле Зулфияны ушул ишке тартууну чечкенине азыр абдан кубанып турган. Анткени ал ишти ойдогудай аткарып жатпайбы.

***

Кайрат көзүн ачканда күн эбак көтөрүлүп калган. Көзүн ачып, эмне болгонуна көзү жетпей, уйку-соонун ортосунда көзүн кайра жумуп-ачып, эсине келалбай бир саамга жатты да, ордунан турууга аракет кылды. Ары-бери кыймылдап, артына кайрып байланган колун бошоталбай убараланып жатканда, сырттан Кубан кирип келди да, буту менен тээп жиберип:

- Акмак, эмне эле тыбырап жатасың, соолугуп калдыңбы? Мас болуп алып жасаган ишиңди билесиңби? - деп эки-үч жолу тээп жиберди.

- Байке, мен... мен өзүм ачка жүрүп кайдан ичмек элем, анын үстүнө мен ичкенде такыр кишиге сүйлөбөйм.

- Тигини, андай болсо мен сени жөн эле алып келген турбайымбы, ээ? Сенин эч бир кылмышың жок тура? - Кубан аны дагы тээп-тээп жиберди. Башы-көзгө чапкылап сөгүп да жатты. Кайрат эмне болгонун эстей албай башы маң. Бир маалда моокуму кангандай сыртка чыгып кеткен Кубан эки стол көтөрүп келди да, Кайраттын колун чечип:

- Олтур! - деп буйрук берди. Кайрат ооруп, жип өтүп кеткен колдорун кармалап, кылмыштуу адамдай бүжүрөп келип столго олтура кетти. - Кана, аты-жөнүңдү айт да, кылган ишиңди мойнуңа алып жаз! - деди.

- Байке, кайсы кылмышымды, мен эч нерсе жасаган жок элем, - Кайрат ыйламсырап жиберди.

- Эн-неңдурайын десе, мойнуңа албай минте берсең суракта жүрүп өлөсүң, андан көрө ала бер да мойнуңа.

- Эмнени алам, байке, айтыңызчы жок дегенде, эмне кылмыш кылганымды билейин, мен деле бирөөнүн баласымын, аяңызчы.

- Сен өзүңдү айайсыңбы, андай болсо мен бир шарт койом, ошого көнсөң кылмышың жабылат.

- Айтыңыз, эгер туура келсе көрөйүн.

- Ой эн-неңди урайын десе, сага азыр туура келгенинин баары бир эмеспи, же биротоло түрмө же жарыкчылыкта жашашың керек, уктуңбу?

- Ошондо деле...

- Анда мындай, түндө сен бир аялды зордуктап өлтүрүп салыпсың.

- Калп! - Кайрат кулагы чуулдап, көзү тунарып, бир топко үнсүз олтуруп калды да, көз алдынан кечээги күнү болгон окуяны өткөрүүгө аракет кылып жатты. Ооба, ачка жүргөндө бир кемпир ага жумуш берем деп ээрчитип үйүнө алып барган. "Анан эмне болду эле?" - деп андан ары эстөөгө тырышты: бираз чай ичип, анан вино ичкени ырас, ошол бойдон эмне болгонун билбейт. "Ырас эле өлтүрүп салдымбы? Чынында сулуу аял болчу, кызып калгандан кийин асылсам керек?" Кайрат көпкө ойлонду. Бирок эч бир аялды өлтүрүп алганын билбейт. Чынында бул ага жабылган күнөө болчу, аны күнөөлүү деп таап, кыйын иштерге мажбурлап, өз жумушуна тартуу эле. Кайрат аргасыз көнүүгө туура келди. Анткени ага түрмөдөн көрө эркиндик жакшы болчу.

- Мен макулмун! - деди көптөн кийин ал.

- Баш тартмай жокпу? Эгер айткан сөзүңөн тансаң, атып салам. Так иштеп, татаал иштерде өзүңө сак болсоң болду.

- Так аткарам, колдон келишинче.

- Сүйлөштүк анда, ушул жер сенин жатаканаң болот, кровать, постель алып келип берем. Сага дагы балдар кошулат.

- Жарайт. - Кайрат Кубанга карай жалооруган көз карашы менен карады да: - байке, курсагым болсо ачка, чөнтөктө сокур тыйын акчам жок... - деп токтоло калып жер карады.

- Курсактан кам санаба, эгер жакшы иштесең акча да, аял да, үй, машине - баары болот, болгону ишти жасай билсең болду, - Кубан сыртка чыгып кетти. Кайрат кайрадан кечээги болгон окуяны эстөөгө тырышып жатты. Жок, эч кандай эсине эчтеке түшпөй, вино ичкенден кийинкисин билбей жатты. Бир маалда Кубан сеткага тамак-аш көтөрүп келди да:

- Эмесе сен олтуруп тур, мен төшөнчү алып келем, - деп койуп сыртка чыкты да, эшиктин сыртынан кулпулап жаткандай көрүндү. Кайрат сыртынан кулпулаганына арданган да жок.

Карды ачып турган неме бурдугуп ар кайсыдан жеп жатты.

Арадан бир жумадай убакыт өткөндөн кийин Кубан Кайратты түнкү операцияга даярдап жатты:

- Бүгүн олуттуу иш бүтүрөбүз. Мүмкүн болушунча өлүм болбогондой болушу керек. Сыртта мен болом, каалганын эки жагында дагы экөө турат, үчөөңөр бир дагы кынтыгы жок иш бүтүрөсүңөр. Түндө Россиядан бир үйбүлө келиптир, эки жүз миң доллар менен, ошону тонош керек. Кыскасы, өлбөгөндөй болсун, өзүңөрдү таанытпай сак болгула.

- Жарайт, колдон келишинче аракеттенебиз.

- Азаматтар десе, жол болсун анда, кечинде жолугушабыз. - Кубан балдар менен коштошуп чыгып кетти.

Ошол күнү кечки саат тогуздарда Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринде жүрөк оорутарлык окуя болду. Кылмышкер билинбей кетти. Россиядан жети жылдан бери келбей иштеп жүргөн үйбүлө айылдагы ата-энесине жолугалбай, алмончоктой уул-кызын сүйө албай, арманда кете берди. Кайгы-муңга баткан ата-эне аргасыз боздоп калды...

Ал окуянын күбөлөрү Кубан баштаган топ эле. Болжогон саатта Кубан шериктерин ээрчитип мерчемдүү жерге жетишти да, үчөө үйдүн ичине кирип барышты. Жаңыдан тамактанууга олтурган жубайлар элейип-элейип туруп калышты эле, экөө экөөнү кармап, бириси тапанча такап туруп:

- Жан керек болсо акчаңды бер да, аман калышты ойлон, - деп күйөөсүнүн маңдайына тапанчасын такаганда ал безеленип жиберди:

- Инилер, бизде кайдагы акча, эч кандай акча жок, ишенгиле, айланайындар!

- Жаныңды жебей, болгон акчаңды алып чык, болбосо аман калам деп ойлобо.

- Кагылайындар, эмне деп жатасыңар? Бизде акча жок, эмне деген акчаны айтып, коркутуп жанды күйгүзө бербегилечи, бизде акча эмес, эч нерсе жок!

- Жап оозуңду, жаныңды жеп безеленбей!

Акыйлашып олтуруп убакыт өтүп жатканынан чоочулашып, аялынын мойнундагы алтын цепочка менен сөйкө-шакектерин чыгарып алышты да, берки экөө үйлөрүнүн баарын тинтип, акча издеп жатышты. Бир маалда акчасын айтпай койгондо үй ээсин аябай тепкилешти да, оозуна чүпүрөк тыгып, эки колун артына бекем байлап сабай башташты. Ошондо жанынан түңүлгөн аялы:

- Сабыр, берчи кудай жалгагыр, жаныбыз калсын, деги берип кутулчу! - деп ыйлап жиберди. Буту-колу буулуп тыпырап жаткан неме деми чыкпай көгөрө баштаганда бириси келип оозундагыны алды да, тепкилеп кирди:

- Эн-неңдурайын десе, жаныңан да акча кымбат тура, ээ? Айтасыңбы, же өлөсүңбү?

- Эч нерсе жок, баары бир өлтүрөсүңөр, акчадан айлангыла!

- Бас жаагыңды, акчаңды баары бир табабыз, өлгүң келип турса айтпай эле кой! - деп аны өпкө тушка эки-үч тээп жиберди да, кайрадан оозуна чүпүрөк тыгып салды.

- Айланайындар, өлтүрө көрбөгүлө, мен берем, ал бербесе мен берем, тиги полдун четинде подвалдын оозу бар, ошону ачып ылдый түшсөңөр кичине сандык бар, ошондо акча бар, ошону алгыла да, жаныбызды аман койгула, айланайындар, - деп аялы безилдеп ыйламсырап, жалынып-жалбарып жатканда тигилер подвалдын оозун таап ачып төмөн түштү да, узун-туурасы элүү сантиметр келген темир сандыкты алып чыгышты. Сандык кулпулануу эле.

- Ачкычы кайда? - деп бири аялга кыйкыра сүйлөдү.

- Ачкыч күйөөмдө, анын оозундагыны алып койо көргүлө, айланайындар, өлүп калбасын! Өлтүрө көрбөгүлө?!

- Кана ачкыч? - күйөөсүнүн оозундагыны алып сурай бергенде андан жооп болбоду.

- Мени бошотуп койсоңор, айланайындар, эси ооп калган го, - аял безилдеп жатты.

Боор оорууну ойлоп да койбогон караандар жан алгычтай жулунуп жатканда сыртта үндөбөй тургандардын бири:

- Ачкычты эмне кыласыңар, бол тезирээк, акчаны ал да, бүттү, - дей бергенде аял анын үнүн тааный койуп:

- Асылбек, сенсиңби, ушуга кантип дитиң барды, ыя? - дегенде ал беркилерди жанына чакырып:

- Бул мени тааныйт, ошон үчүн баятан бери үнүмдү чыгарбай жаткам, тирүү койгондо болбойт, - деди эле, акырын бирөө келип үн чыгарбай бооруна тапанча такап туруп атып салды. Ошентип байкоостон ажалга кабылган жубайлар эки жерде сулап жатышты.

Түн каткан алты караан элүү метр аралыкта турган машинага олтуруп, эч нерсе болбогондой караңгы түнгө сиңип жок болушту.

Ошол кандуу окуядан кийин Кубан Кайратка он миң сом берди.

- Бул сенин алгачкы эмгегиң, эгер ушундай иштесең, улам акчаны көптөн алып турасың, - деп мактап кетти.

Кайрат колуна тийген он миң сомго абдан кубанды. Анткени ал өмүрүндө мынча акча кармап көргөн эмес. Базарда ачка жүргөндө чөнтөгүндө сокур тыйыны жок - толгон тамактардан көзү өтүп, оозуна кара суу келип турса да, бир адам боор ооруп койбогонуна жини келип, адам баласында өчү бардай, киши өлтүргөнүнө кайгырып да койбоду.

Көп өтпөй Бекмат да колго түшүп, Кубандын алдында колу-буту байланып турду.

- Кана, кылган кылмышыңды мойнуңа аласыңбы, же?...

- Кандай кылмыш, байке? Мен жөнөкөй эле бир тачкисмин, күнүмдүк оокатымды өткөргөн бир пендемин.

- Өлүмүш болуп калганын кара, бир байкуш кемпирди өлтүрүпсүң, анын дүйнөсүнө кызыксаң керек да..

- Кантип, эч кандай кызыккан эмесмин, ойлоп да койбопмун, киши өлтүрүүнү ойлоп да койбогонмун.

- Жаныңды жебе, анда ал кемпирди мен өлтүрдүмбү? - Кубан Бекматты уруп, тээп жиберди.

- Байке, эч кандай андай ишке барган эмесмин!

- Келжиребей мойнуңа ал, же мен айткан сөзгө көн!

- Кандайча жалганды мойнума алышым керек?

- Ошондойчо, болбосо мен бир шарт койом, ошого макул болосуң, антпесең түрмөгө олтурасың.

Бекмат башын жерге сала ойлонуп калды: "Булардын колуна түшкөн киши оңбойт дечү эле, "милийса менен ооруканадан сактасын" деген сөз бекеринен айтылбаса керек, эмне болсо да бир сөзгө көнөйүн, бөөдө түрмөгө түшкөнчө", деп ойлонгон Бекмат башын өйдө көтөрдү да:

- Кандай шарт? - деди Кубанды карап.

- Аз-замат десе, бая эле ошентпейсиңби, тетириленбей эле, - ал ары-бери басып биразга чылым чегип турду да: - Эмесе мындай, сени азыр бир жигиттерге кошом, анан тапшырма болгондо иштейбиз.

- Макул.

Ошондон баштап Бекмат Кайраттар менен жашап калды. Экөө абдан ынак. Өздөрүнчө сүйлөшүп олтуруп, бул жерге кантип келип калгандары тууралуу сөздөн сөз чыга берип айтылып калды.

- Ой маста-ан, - деди Кайрат, - сен дагы ал мастандын колуна илинген экенсиң да, демек ал тирүү экен да?...

- Эмне, өлдү деп ойлодуң беле?

- Анан эмне, "өлтүрдүң, камаласың", деп жатса, чын эле өлтүрүп койгон экемин деп ойлогом да.

- Анда мындай, экөөбүз бир сөзгө келели да, эмки операцияга барганда биз тонолчу адамдарга жардам берели, алдын ала аларга айтып үйлөрүнөн кетирип жиберели.

- Кантип, олжодон кур калбайлыбы?!

- Олжо-олжо деп жүрүп, адамдардын убалын ойлобойсуңарбы, ыя? Сен эсиңе кел да, менин сөзүмө көнгүн.

- Жок, андай болбойт, мен анда ачка калам, кана адамдарың колунда жокторго, жолдо ачка калгандарга боор ооруп жатабы?

- Ачка калбаш үчүн өзүң аракеттенишиң керек да, эмне, сенин ачка калганыңа бирөө күнөөлүүбү?

- Ооба, адамдар күнөөлүү, колунда бар туруп жок жардыны теңине алып коюшпайт аларың. Мен баарынан көңүлүм калган, уктуңбу? Мен да башкалардай эле бар болуп, үйбүлө күтүп жашашым керек!

- Сен өз маңдай териң менен таап жашай берсең болбойбу? Анткени сенде бүт баары бар - денсоолук, акылэс, күч - баары бар экен, эмнеге иштегенге болбосун?

- Иш табыш кыйын болду мага, тачкага барсам да, баардык жерге барсам эле паспорт дейт, менде паспорт жок да.

- Ооба, документи жок болбойт, билем, бирок аракет кылышың керек да!

- Кой, сөздү токтотолу да, сөзгө келели, мен бул жолдон кайталбайм!

- Макул, өзүң бил анда. - Бекмат ойлуу олтуруп калды: "Бул мени сатып койуп жүрбөсүн, андан көрө мен да буларга кошулуп бара берейин да, ошол учурдан пайдаланып качып кетейин", деп ойлонуп, Кайраттын ийнине колун койо минтти: - Ырас айтасың, баары бүттү да, эми артка кайтууга болбойт. Анда көрө мындан аркы ишибиз жакшы болсун.

- Туптуура, андан башка арга жок, экөөбүздө тең, себеби кайда болсун жашашыбыз керек го?

- Ооба, аның туура, артка жол жок!

Ошол бойдон экөө тең бир сөзгө келгендей үнсүз олтурушуп калды.

Билинбей мезгил өтө берип, арадан бир ай чамасы өтүп калганда Кубан шашылыш түрдө келип, аларга операциянын так маалыматын берип жатты:

- Мындай, бул үй шаардагы эң бай жана кадырман адамдыкы. Ушу кезде ал үйдө бир кызы менен гана иниси бар экен. Ал киши айылга конокко кеткен. Эки-үч күндө келишет имиш, бүгүн түндө ал үйгө сөзсүз кириш керек. Мен эң сырткы босогосунда болом, экөөң үйдүн кире беришинде, экөөң кирип барып аларды буту-колун байлап туруп, ал үйдүн эң төркү боорундагы килемдин артында текче бар, ошондо кадимки сейфке окшогон темир сандык турат, ошону эптеп алып чыккыла! Кокус сырттан бир белги болсо мен силерди кууган болом, силер качканга үлгүрөсүңөр. Ошентип эптеп кутулуп кетебиз.

- Жарайт!

- Анда кеттик.

Баары бир-экиден бөлүнүп, үч машинага отурду да, шаар четине жөнөштү. Айткандай эле ал үйдө жыйырма бештердеги жигит менен гана он бештердеги кыз бар экен. Бийиктиги бир жарым, бир сексен келген тосмодон секирип киришти да, байлоодон бошоно элек ит үрө баштаганда аны бириси барып нан салып койду эле, шыйпаңдап олтуруп калды.

Үчөө-төртөө кирип барганда кыз бакырып жиберди. Ошол кезде эми уктап бараткан жигит ордунан ыргып туруп, бөлмөдөн чыга калганда, аны былк эттирбей кармап калышты. Ала келген жиптери менен экөөн эки жерге таңып койушту да, айтылган жердеги килемдин артын ачып, текчени тапты да, сейфке окшогон темир сандыкты көтөрүп чыгып кетишти. Бул окуя эч кандай кынтыгы жок жасалгандыктан, эч нерсе билинбей кетти. Үй ээлери келгенде кызы менен иниси байлоодо жаткан. Алар жамандык болбогонуна кубанып, милицияга билдиришти, бирок артынан сая түшпөдү, болгону үй ээси ошол окуядан кийин бир тууган инисин үйүнөн кетирип жиберди. Анткени аялы: "Сөзсүз ошол аркылуу болду!" деп безилдеп туруп алды.

Кайрат менен Бекмат өз үлүштөрүн алышты да, бираз майрамдап, кийинип, таптакыр башка адамга айланып калышты. Бекмат болсо ичинен: "Арам акчага азгырылып олтуруп мен баш кесер болуп кетем го, кой, эптеп качып кетейин", деди да, Кайрат менен базар аралап жүрүп, эптеп аны адаштырды да, качып кетти. Кайрат аны бир заматта таппай калды. Чынында буларды Кубан ишенип эркин койо берген эле, болбосо кароого алып, артынан киши коймок. Кайрат кайрылып жатаканага келгенде берки экөө Бекматты сурашты.

- Аны заматта базардан адашып таппай калдым, келип калаар... - деди ал, бирок ичинен күмөнсүп: "Качып кеткен го", деп ойлоп жатты. Адамдык сапат, боорукерлик, дини кайырлык ар бир адамда бар эмеспи. Бирөө караманча кара мүртөз болсо, бирөө тескерисинче боорукер, ак көңүл болуп жаралат. Бекматта адамдык сапат жогору эле, ошон үчүн ал мындан ары бул ишти аркалай албасын түшүндү да, басып кетти. Ал эми Кайрат андай эмес болчу, ачка-ток жүргөн убакта көргөн ызасын адамдардан чыгарып, баарын жасоого бел байлап алган, ага ушул гана керек болчу, акча, жакшы кийим, жакында үй алам деп турат.

Ошол күнү кечинде Кубан келип Бекматтын качып кеткенин угуп эле: "Ал эми сөзсүз Зулфияга барып, аны өлтүрүп койбосо экен", деп ойлонду да, дароо эле Зулфияга жөнөдү. Ал келгенде Зулфия базарга жөнөмөкчү болуп, машинасын чыгарып жаткан. Кубандын машинасын көрүп токтоду да, машинадан түшүп аны тосо чыкты.

- Кандай, Зоичка, деги денсоолук, бала-чака тынчпы?

- Тынччылык эле, эмне болду?

- Сүйлөшчү сөз бар, жүрү үйгө кирели.

Кубан Зулфиядан мурун үйгө кирип кетти. Артынан кирген Зулфия аны кабатырлана карады да:

- Деги тынччылыкпы, эмне болуп кетти? - деди элейе.

- Кайдагы тынччылык, кийинки тачкист качып кетиптир, сага келген жокпу?

- Качып?! Оо кудай, анда эле мени өлтүрөт, эмне болуп качып жүрөт?

- Эмне болсун, бир олуттуу иш бүтүргөнбүз, эмгегин бергем, муюгансып эле калган, баардык эле балдар акча колдоруна тийгенден кийин эч жакка кетпей эле көнүп калып жатпайбы...

- Жаман болуптур, эгер кектесе сөзсүз эле мага келиши мүмкүн...

- Ошон үчүн мен сага келбедимби.

- Кудай сактай көр, анда мен эч жакка барбай эле койойун, үйдө балдар бар, алар коркуп жүрбөсүн, качан качып жүрөт?

- Бүгүн түш ченде.

- Анда бүгүн түн ичинде келиши мүмкүн.

- Жок, ал бүгүн келбейт, келсе бираз күн унуткарып анан келет, сак болушуң керек.

- Сак болгондо...

- Сага тапанча берем, оңой эмес жоо, себеби эгер кектесе мени да таанып калды, кармап берүүгө да жетишиши мүмкүн.

- Баарын күтүүгө болот.

- Бүгүн мен мында болойунбу? Деги мени сагындыңбы?

- Аны эми өзүң билесиң да...

- Алтыным, сени кантип ажалга берип койойун, эч коркпо, - Кубан Зулфияны кучактап өөп, анан: - машиналарды киргизип койолу да, эс алалы, ээ?

- Макул, мен каршы эмесмин, бирок базарга кетип жаткам, аны-муну алып келиш керек эле...

- Наргиза чоңойуп эле калбадыбы, жөнөтүп жиберсең алып келип калат.

- Койсоңчу, Кубан, ал ошончону көтөрүп кантип келсин, анын үстүнө байкушум аябай эле назик.

- Ошентип жаман көндүрүп аласың, акыры кылчу иши да.

- Кубан, ал менин кызым, аны кандай өстүрөм өзүм билем, ал эми базарга барбай койсок да болот, бираз бүгүн жей турган тамак-аш бар.

- Анда өзүң бил. Машиналарды киргизели анда, - Зулфия менен Кубан ээрчише басып эшикке чыгышты да, машиналарды короого айдап кирип койуп, дарбазаны кулпулап, үйгө киришти.

Экөө ээн-эркин сүйлөшүп олтуруп тамактанып, коньяктан ичип койуп, бир топто кызып калышты. Зулфияга бирөө келгенде Наргиза менен Зарылбек үстүнө кирчү эмес, ал тургай анын жанына да келчү эмес. Зулфия өтө мас болуп калды. Кубан анча мас эмес, кызуу эле. Диванга жатаары менен уктап калган Зулфияны карап туруп, Кубан: "Өзүмдүн кызым, кандай өстүрөм өзүм билем" деген сөзүн эстеп алып кызуулукка салып: "Көрөм, өзүңдүн кызың экенин, кандай тарбия берип өстүргөн экенсиң, көрөйүн", деп кекенип алып, Наргизалар жаткан бөлмөнү көздөй ордунан туруп бара жатты. Наргиза бойго жетип чырайына чыгып, толуп бараткан кыз жуурканды тебинип жаткан эле. Анын булайган чымыр аппак денеси Кубандын делебесин козгоп, сугу түшүп ушу кез "атууга кетсем да бир жетим кыз үчүн" деген ой башына келе калды да, дароо анын жанына жетип эңкейип бетинен өбөйүн дегенде кыз чоочуп ойгонуп кетти да, көздөрүн алайта ордунан тура калып жуурканды үстүнө жаба:

- Байке-ээ, эмне болду сизге? - деп уйкусурап үрпөйө калганда Кубан шымынын арткы чөнтөгүнөн тапанчасын ала койду да:

- Үнүңдү чыгарсаң атып салам, унчукпа, - деди да, кыздын жамынып турган төшөгүн силкип алып ыргытты да, өз билгенин жасай баштады. Тапанчаны көргөн кыз үнү дирилдеп, бүткөн бою калчылдап, үнсүз көз жашын төгө тыбырчылап жатып калды. Өз ишин бүтүргөн Кубан үшүгөн жалбырактай бүрүшүп олтурган кыздын көлдөгөн көз жашына карабай:

- Оозуңдан чыгарып, же Зулфияга айтсаң экөөңдү тең ит аткандай атып салам, - деди да, шымын оңдонуп алып, туруп барып сыртка чыгып келди да, Зулфиянын жанына жатып калды. Эртең менен ойгонгон Зулфия башы ооруп калган экен, эптеп туруп Кубанды жөнөткөнгө чай койойун деди эле, ал болбой шашып чыгып кетти. Зулфия кайра ордуна жатып калды. Оо түш ченде барып ордунан турган Зулфия балдары жаткан бөлмөгө кирсе Наргиза ыйлап жатыптыр. Ал чоочуп кетти. Анткени ал бул үйгө келгенден бери Наргизанын ыйлаганын көргөн эмес эле.

- Кызым, сага эмне болду? - Зулфия үйрүлүп түшүп сурап калды. Наргиза канчалык айтпайын деген менен же ыйлаганын токтото албай шолоктоп жатты. - Айтчы, кызым, бир жериң ооруп жатабы?

- Жок, апаке, жок! Ушундан көрө неге өлүп калбадым экен?!..

- Деги ачык айтчы??!

- Кубан байке мени-ии, - Наргиза андан ары сүйлөй албай буркурап жибергенде Зулфиянын көздөрү караңгылап, кулагы чуулдап, баарын түшүнүп, өзүнүн каталыгын сезе, Наргизаны бооруна кысып, өзү да ыйлап жатты: - мени кечир, садагам, мени кечир, эгер күчүң жетсе кечирегөр!?

- Жок-жок, апакебай, сизде эч күнөө жок, мен сизге айтпай эле койойун дегем, бирок ызама чыдабай эле...

- Ал шүмшүктү шашпа, сөзсүз өч алам!

- Анте көрбөңүз, апаке, ал экөөңдү тең атып салам деп жатпайбы!

- Көрөбүз! Же ал, же мен! - Зулфия нес болгондой Наргизаны кучактап, чачынан сылап, жүзүнөн сүйүп олтура берди. Ушул кез эне-бала бир-бирине купуя арман кылып, бир-бирин түшүнүшүп олтурушту.

Ошол бойдон Кубан келбей кетти. Качып кетти деген тачкист деле келбеди.

Бекматтын жаман ою жок эле, бирок ал Зулфиянын үйүн акмалап: "таап алып бир жолугуп көрөйүн", деп ойлоп келе жатып, дарбазанын алдында Кубандын машинасы менен дагы бир машинанын турганын көрүп: "Кой, ушунчамда изимди таптырбай жоголоюн", деп тез-тез басып кетип калган. Бул кез Кубан менен Зулфия машинаны сыртка коюп, үйгө кирип кеткен убак эле.

Зулфия Наргизанын алдында өзүн аябай күнөөлүү сезип, ага сөз айтуудан өзүнчө эле чоочулап, жаман абалда сезип жүрдү өзүн. Наргиза болсо: "Тагдырым ушул тура, ата-энемден да эрте айрылсам, эми өз кызындай эркелетип багып жаткан энемди да капа кылып алдым көрүнөт, айтпай эле койбой, ызаланганды мага ким коюптур, куураган жаным"... деп өзүнчө бушайман.

Күндөр өтө берди. Эки жумадай өткөндө Кубан келди. Зулфия аны мурункудай эле тосуп алды. Кадимкисиндей эле, эч нерсе болбогондой тамак-ашын коюп сыйлады.

- Зоичка, эртең сөзсүз дагы бир баякыдай бала тап, клиенттер өзү келди, эртерээк болсо ошончолук жакшы болот эле деп жатышат.

- Көрөйүн, аракеттенем.

- Ошент, алтыным, - деди Кубан Зулфияны жылмая карап: - сөзсүз эртең кечки саат алтыларга даярда, анткени тигилер түндөп кетишет.

- Жарайт! - Кубандын аны жылмая карашы мазактап жаткандай көрүнүп, ичинен: "Шүмшүк, сени шашпа, өзүңө өзүң ажал тилеп алдың!" - деп мостойо карап узатты.

Кубан кеткенден кийин ал шашпай кийинип, жасанып алды да, машинага олтуруп базарга жөнөдү. Керектүүсүн алды да, Наргизага:

- Кызым, кийингиле, иниңди да кийинт, концертке барып келели, зеригип кеттиңер го, бираз эс алып, концерт көрүп келели, - деди.

Ал күнү Бишкекте казак элинин ырчысы Роза Рымбаеванын концерти болуп жаткан. Зулфия анын ырларын жакшы көрчү, ал тургай анын бир топ ырын жатка билчү. Концерттен келе жатып Наргиза менен Зарылбекке балмуздак алып берди да, үйгө келип жатып калышты. Эртеси кадимкисиндей эле Наргизага байкатпай жашыруун эшиктен чыгып кетти. Базарга жетип-жетпей эле бир жупуну кийинген келиндин колунда жетелеген баласынын ыйлап келатканын көрүп токтой калды да:

- Момпосуй берейинби, уулум, кел келегой! - деп колундагы конфетти сунганда үч-төрттөрдөгү бала аны көздөй келе берди. Тиги келин унчукпай карап туруп калды. Чынында ушул кичинекей уулун баккандан тажап да калгандай. "Кийген кийимине караганда курсагы да тойо тамак жебегендерден го", деп ойлонгон Зулфия келинди карап:

- Кызым, бери келчи, - деп колун жаңсап чакырды эле, ал акырын басып келди. - Кызым, ме бул акчага бирдеме сатып келе койчу, уулуңдун карды деле ач окшойт! - деди Зулфия жанына келген келинге жүз сомдук сунуп.

- Тим эле коюңузчу, эне... - келин кантсе да токпейилдик кыла, өзүн бечара көрсөткүсү келбей туруп, анан жүз сомду алып ары басып эл аралап кирип кетти. Ал көздөн далдаа болору менен балага бир балмуздак алып бере койду да, колунан жетелеп жөнөдү.

- Эмнеге ыйладың, уулум?

- Апам нан бейбей...

- Нан жейм деп ыйладың беле?

- Ооба, нан жегим келген болчу.

- Мен сага кө-өп нан, конфет алып берем, ээ?

- Ийи, апам анан келеби?

- Ооба, келип калат, мага бала болосуңбу?

- Ооба-аа, - кичинекей наристе эч нерседен бейкапар балмуздак жеп басып баратты. Зулфия аны жетелеп баратып, жолдон бир комокко кайрылып печенье алып карматты эле, кудуңдап сүйүнүп кетти: - Сиз көөп, кө-өөп конфеээт, печений алып берсеңиз, бала болом сизге.

- Оой аз-замат, апаң келгенде ошентип айтасыңбы анан?

- Ооба, айтам.

Антип-минткиче алар Зулфиянын үйүнүн жанына келип калышты. Ал мындай мезгилде дайыма жашыруун эшик менен кире турган. Анткени ал жактан адам өтө турган жол жок эле. Дароо үйгө кирди да, эшикти бекитип, баланы терезе түбүнө коюп койду да, ичкери кирип кийимин шаша-буша чече салып, кайра чыкканда наристе тигини бейкапар карап койду да:

- Апам, апам кана? Нан жейм, - деди эле, Зулфия:

- Атың ким? - деди.

- Эйи-ик.

- Эрик дейсиңби?

- Ооба-аа.

Аңгыча Зулфия Эрикти колдон ала үйгө кирип келатканда алдынан Наргиза чыга калды. Аны көргөн Зулфия:

- Эриктин апасы менин сиңдим болот, базарда жүрүптүр, мен ээрчитип келе бердим, кеч жеткирип койобуз, - деди тайсалдай.

- Ыйлабайт турбайбы, ээ, апа, сизди жөн эле ээрчип келдиби?

- Ооба, ооба, анткени көрүп эле жүргөн да, - Зулфия эптеп калп айтып кысталыштан чыгууга аракеттенди.

- Жүрө гой, Эрик, жүр Заки менен тааныштырам, экөөң ойнойсуңар. - Наргиза арам ою жок эле Эрикти колдон ала өз бөлмөсүнө жетеледи. "Тим кой, Кубан келгенче ойносо ойноп турсун", деп ойлоду Зулфия. Анан өз бөлмөсүнө кирип, диванга жата кетти. Ал азыр Кубандан кандай болгондо өч алып тынаарын билбей тынчсызданып жатты: "Бүгүн ал келип, баланы алып кетсе", деп аны күтүп атты. Кубан көп күттүрбөй эле келди да, Эрикти алып кетти.

Канчалык жүрөк өйүткөн санаага берилип: "Мейличи, жашай берсинчи, көздөн далдаа балдарымды алып көчүп кетип бейпил жашоого өтөйүнчү", деп ойлогону менен Кубанды эстегенде анын Анипа менен катар басып бейкапар күлүп сүйлөп баратканы, бирде Наргизаны көк майсан чөптөй уйпалап жатканы көз алдына элестеп кыжына кетет. Ошол кезде телефон чыр этип, Кубан: "Кечинде келем", деп эскертти. "Бүгүн сөзсүз Кубан менен ачык сүйлөшөйүн: "Мен айылга көчкөнү жатам, ата-энем чакырып жатат", - деп айтайын, эгер дагы мени менен урушуп баягыдай кыйкырса анда жайлап салайын да, эркин жашайын", деген ойдо ордунан турду да: "Бүгүн Жаныштын башы менен да сүйлөшүп алайынчы, же бир аялдарга кошулуп эки жакка баспасам, же сүйлөшпөсөм, жапайы болуп баратам", деди да, подвалга түшүп коробканы алып кайра үстүгө чыгып, подвалды бекитип, анан коробканы ачып башты колуна алган учурда дарбазанын коңгуроосу басылды. Шашып калган Зулфия башты орой салды да, веранданын бурчуна койо коюп сыртка чыга калды.

Дарбазаны ача койгондо Кубан турган эле. Зулфия дарбазаны ачып машина киргенден кийин эшикти бекитип Кубандын жанына барды эле, ал түшө калып эле:

- Кандай алтыным, иштер, баары жайындабы, денсоолук жакшыбы?

- Баары жакшы, бир гана сен жоксуң, - деп эркелей кетти Зулфия.

Ээрчишип үйгө киришкенден кийин Кубан төш чөнтөгүнөн үч-төрт боо жашыл акчаларды алды да:

- Бул сенин эмгегиң, доллар менен, кана нааразылык жокпу?

- Эч кандай нааразы эмесмин, - Зулфия акчаны анын колунан алды да, ары суурмага коюп койду. Кубан Зулфиянын ушунусун жактырчу. Анткени ал дайыма Кубан берген акчаларды эсептеп да койчу эмес, же аз деп капа болчу эмес.

Экөө көпкө дасторкон четинде сүйлөшүп олтуруп, Зулфия өз оюндагысын айтууну туура көрбөдү: "Кой, деги мен эмнени баштаганы турам, жашай берсинчи. Анипаны болсо жоготтум, дагы кыйшың этсе анан көрөөрмүн", деп өзүн-өзү тынчтандырып жатты. Аз-аздан ичип олтуруп, экөө тең кызып калды. Зулфия негедир кызып баратса да, Кубандын дагы эмне кылаарын сынамакчы: "Көрөйүн, мени мас болуп калды деп ойлосо, дагы Наргизага жөнөп жүрбөсүн", деп ойлонгондо соолуккандай боло түштү. Ошол кезде Зулфиянын олтурган калыбы моло таштан айрымасы жоктой, бирде жаш, алсыз кызды коркутуп зордуктап жаткан Кубанды, бирде көз жашын төгүп боздоп жаткан Наргиза көз алдына келе өңү өзгөрүлүп, бүткөн бою калчылдап кетти: "Муну сөзсүз жок кылышым керек, тирүү калбасын, кечиктирүүгө болбойт!" - деген Зулфия ордунан туруп калганда сыртка чыккан Кубан кирип келди да:

- Жаным, жүр эртерээк жаталычы, мен бир-эки сааттан кийин кетем, - деди аны кучактап диванга жетелей.

- Азыр... - Зулфия акырын анын жүзүнө карабай бетин жууп, өзүнө келүүгө аракет кылып, Кубандын колунан бошонуп сыртка чыкты да, бетин сууга чайып кайра кирип сүлгүгө аарчынып, анан Кубандын жанына жатты. Экөө көпкө жулмалашып, бири-биринен канааттангандай болгондо гана сулк жатып калышты.

Бираздан кийин Кубан оодарыла Зулфияны кучактай жатты да, ар кайсыны сүйлөп жатты. Зулфия болсо адам өлтүрүүгө машыккандай эч нерсе дебей күлүп кана коюп жата берди. Ал турганы баратып Зулфияны эки бетинен өптү да:

- Мен эми кетейин, чалап болсо берчи, ичим ысып чыкты, ичкендики го, - деп кийинип сыртка чыгып машинасына олтуруп от алдырып жатканда Зулфия колуна уу коргошун кошулган чалапты алып келип карматты. Кубан эч кандай шек албай кере жутуп алды да, машинаны айдап чыгып кетти.

Зулфия дарбазанын жанында Кубан кеткен жакты көпкө карап турду да, түнкү муздак абада чыйрыгып үйгө кирди. Ал түнү бою уктай албай чыкты. Таң аппак атканда ордунан туруп эсине Жаныштын верандада турган баш сөөгү түшө калып барды да, аны коробкадан алып, эшикти ичинен илип алып көпкө тиктеп турду:

- Мына көрдүңбү, байкушум, сен мени ушул кылмыштардын баарына түртүп коюп эч нерседен капарсыз жатасың, мен болсо кандай гана азаптамын, канкор болуп да бүттүм. Эгер дадил берген болсом, Кубан да сен барган жерге кетти, кокус өлбөй калса ал мени өлтүрөт. Анда экөөбүз табышабызбы, ким билет?

Баш сөөктү колуна алып бооруна кысып көпкө ыйлап, үнүн чыгарбай көз жашын төгүп олтурду да, балдары ойгонуп көрүп койбосун деп селт эте чоочуп кетип, аны кайра ороп туруп ордуна койду да, коробканы алып подвалы бар бөлмөгө кирип ордуна коюп бекитти. Анан жуунуп алып, Наргизалардын бөлмөсүнө баш бакты. Наргиза эбак эле ойгонуп алыптыр, ал эми Зарылбек болсо быш-быш этип уктап жатат.

Кайрадан өз бөлмөсүнө кирген Зулфия өзүнөн өзү чоочулап: "Эмне болду? Өлдүбү, же..? Эми ал өлсө эми мени менен сырдашаар эч ким жок, ким менин көңүлүмдү көтөрөт, ким мени анда-чанда болсо да эркелетип, башка дайынсыз эле бирөөдөн кызганат?" - деп ар кайсыны ойлоно берди.

Эки-үч күн үйдөн чыкпай, ооруган болуп төшөктө жатты. Денсоолугу таза эле киши кечке жата бергени азап экен, санаанын чеги болмок беле? Улам жаңы ой-санаа басып, соо жаны оору боло жаздады. Эч кандай кабар болбогон соң айылга барып келүүнү ойлоду да, ата-энесине толтура дүнүйө сатып алып эки баласын ээрчитип айылга жөнөдү. Алар барган күнү ата-энеси кубанып тосуп алып, кой союп коноктоп, коңшу-колоңун кошо чакырып, кызынын ушундай бай жашаарына сыймыктанып чечекейи чеч болуп жатышты. Зулфия ата-энесине эки машинанын акчасын берди. Көпкө жүрүп анан шаарга жөнөдү. Кетээринде ата-энеси бир койду союп этин салып, карын май, бир чанач сүзмө берип узатты.

Зулфия үйүнө келгенден эки күндөн кийин Наргиза менен Зарылбекти үйгө таштап, өзү кайдадыр бир жакка кетти. Зулфия кеткенден кийин Наргиза үйлөрдү шыпырып жатып төрдөгү килемдин алды чаң болуп калганын көрүп аны сыртка күбүп-жайганы баарын чыгарып жатып эң төркү үйдүн төр жагындагы полдун алдынан бир нерсе чыгып турганын көрүп тарта койсо подвалдын оозу көтөрүлө түштү. Наргиза таң кала тактайды көтөрүп жибергенде анын ары жагында ылдый түшчү тепкич бар экенин көрдү. Анын кызыгуусу артып, тепкич менен түшө баштады. Ичи караңгы жана ным жыттанып турган. Наргиза корккондун ордуна кызыга баштады. Бара-бара ылдый түшкөн сайын көзү үйүр алып, жарык боло түшкөндөй эки жагын карады эле, столчонун үстүндө текче, анын үстүндө коробка турганын көрдү. Наргиза аны алып көргүсү келди. Анткени ал: "Бул аял эч жерде иштебейт деле, бирок акчасы көп, балким ушул подвалдын ичинде алтын же толгон байлыгы болгондур", деп ойлоп алды да, коробканы алып жерге коюп, анын жеңилдигинен: "эч нерсе деле жок окшойт", деп аны ачып, ичинде акка оролгон нерсени алып ача койду да, баш сөөктү көрүп бакырып жиберди! Канчалык корккону менен ал Зулфиядан да коркконунан коробканы ордуна койо сала шаша-буша тепкич менен өйдө чыкты. Энтиге чыгып, подвалдын оозун бүткөн бою калчылдай бекитип атканда Зулфия үйгө кирип келди да, дароо эмне болгонун билди, бирок үн дебеди. Наргиза: "Эмне деп айтам эми, мени да өлтүрүп койобу?" - деп ойлоп ийди да:

- Үйдү шыпырып жатсам килемдин алды чаң экен, аны эшикке жайып кагайын деп алып чыккам, кайра келсем бул жерде бир чүпүрөк кыпчылып туруптур, мен аны ала койсом эле ачылып кетти... - деп мууну титиреп, өңү купкуу болуп атып зорго айтты да, ыйлап жиберди. Ошол кезде сыртта жүргөн Зарылбек да үйгө кирди:

- Апо-ов, куйсагым ачты..

- Азыр, садагам, азыр. Эч коркпо, кызым, эмнеден корктуң? Өңүң жаман болуп, катуу корккон түрүң бар, - деп Наргизаны кучактап чекесинен сүйдү да: - биз бул тамды сатып алганда эле ал подвал бар болчу, ошол бойдон мен кирип да көргөн эмесмин...

Наргиза аны балалык байоо көз карашы менен карады да:

- Апа, апке, ал жакка мен кызыгып кирип көрсөм бир коробкада кишинин баш сөөгү бар экен, - деди.

- Койчу?! - Зулфия билмексен чоочуп койду. - ошондон корктуңбу?

- Ооба, аябай коркуп кеттим, мен анда алтын бар болсо керек деп ойлогом...

- Коркпо, кызым, мындан кийин ал жакка түшпөй жүр, макулбу? Эгер анда алтын бар болсо эмне кылат элең? - Зулфия Наргизаны күлүмсүрөп сынай карады.

- Билбейм, аны ойлогон деле жокмун, бирок алтын бар го деп эле ача койдум.

- Эчтеке эмес, андан коркпо, кызым, экинчи түшпө ал жакка, ал тургай подвалды көргөнүм менен мен түшүп көрө элекмин.

- Жүрөгүм түшүп калбадыбы. - Наргиза Зулфиянын ачууланбай жумшак айтканына көңүлү ордуна келе жумушун жасап кетти.

Зулфия болсо ойлуу отуруп калды. Мисирейип, Наргизанын ар бир кадамынан көз айрыбай: "Бул мага душман болбос бекен, "адам арыгын сактасаң башың кандайт" дечү эле, өзүм багып чоңойткон бала өзүмө жоо болбосо болду!" - деп терең ойдун кучагында калды.

Он-онбеш күндөй убакыт өтсө да Кубандын өлүү-тирүүсүнөн кабар алалбай дыкат болуп жүрдү. Наргизаны болсо байкап көрүүнү чечти. "Кокус душмандыгы билинип баратса колумда турбайбы, кайда качмак эле", деп ойлонуп, көңүлү жайлана түшөт.

Көпкө үйдөн чыкпай калды. Дарбазанын коңгуроосу чыр этсе эле жүрөгү "болк" этип: "Кубанды өлтүргөнүм билинип калып, милиция келдиби?" - деп коркуп кетет.

Наргизанын ар бир кыймылын, ар бир кадамын, өзүнө жасаган мамилесинин өзгөргөн-өзгөрбөгөнүн байкап турат. "Кылт этсе эле..." - деп ойлоп алып, ал оюнан кайра өзү чоочуп: "Кудай ай, эмне эле муну аңдып калдым, бала неме көрсө көрүп койгондур, андан эмне болмок эле, арам ою деле жок го? Мен чындап эле канкор болуп кеттим", деп өзүнөн өзү жийиркенип алат. Кылган кылмыштары көз алдына келе калганда өзүн өзү жектеп, кайра сооротуп: "Эмне, мен аларды бейкүнөө өлтүрдүмбү, ар кимисинин өзүнчө күнөөсү бар, эгер мен аларды өлтүрбөсөм, алар дагы көп күнөөлөрдү жасамак.. А Анипа болсо Закини эмдигиче талашып, мага тынчтык бермек эмес, эми Заки менин гана уулум, эч ким талаша албайт!"

Зарылбектин күндөн күнгө чоңойуп, болгондо да Жаныштын эле өзү болуп келе жатканына ичи элжиреп, жалынып-жалбарганы менен сыртынан анча эркелетпейт. Ал да ошого көнгөн. Наргиза менен ойноп, анын жанына жатып көнгөн. Зулфия: "Мен мересмин, ташбоормун, кишинин каны адамды мерес кылып койот окшойт", деп ойлонуп, диванга кыйшайып жаткан калыбында уктап кеткен экен, Зарылбектин үйгө жүгүрүп кирген дабышынан ойгонуп кетти.

- Апа-аа, апо-ов, эжем мага шоколад-морожный алып берди-ии, - деп келип Зулфияны кучактап калды эле, анын артынан кирген Наргиза дагы кучактап эки бетинен алмак-чалмак өөп, жанына олтуруп калганда Наргизанын бойго жетип калганын сезе анын алдында өзүн күнөөлүү сезгендей азыр Кубан колуна тийсе аны дагы да бырчылап жибергиси келип: "Ш-шүм-шүк, ажалың жеткен экен да, менин мас болуп калганымдан пайдаланганын карачы", деп ойлонуп сумсая калганда Наргиза:

- Сизге эмне болду, апаке? Капа болуп кабак бүркөбөңүзчү, сизге дайым күлүп жүргөн гана жарашат, - деп кучактап өөп ийди.

- Жок, садага, капа болбой турган жөнүм барбы, өмүр бою сенин алдыңда күнөөлүү экеним жалганбы?

- Апке, антип айта көрбөңүз, сизге кезикпегенде менин абалым кандай болот эле ким билет, ал үчүн сиз күнөөлүү эмессиз!

- Мен өзүмдү антип алдай албайм. Мейли, кызым, силер өз бөлмөңөргө баргыла! Эки-үч күндө айылга барып жайлоого чыгып келебиз, силер жайлоодо күзгө чейин болосуңар.

- Сиз ыйлап жатасыз эмне, мен сиз ыйласаңыз айылга барбайм, - Зарылбек апасын кучактап калды.

- Жарыгым менин, ыйлабайм, эч ыйлабайм, силерди көрүп кубанганымдан ыйлап жибербедимби, - Зулфия Зарылбекти өөп, бооруна кысып жыттап алды да: - Мен эч качан ыйлабайм, ээ? - деп көздөрүндөгү жашын колу менен сүртө күлүмсүрөдү.

- Сиз биз менен бирге жайлоодо болосузбу? - Наргиза сөзгө аралашты.

- Мен бир жумадай туруп, анан келе берем, жумуш бар.

- Ыйлабайсыз ээ, апа? - Зарылбек Зулфиянын көзүнүн жашын бытыйган колу менен аарчып койду.

- Садагаларым менин, ырыстарым, эч качан мындан кийин ыйлабайм, күчүгүм десе, кечирип койчу менин ыйлаганымды? - Зулфия Зарылбекти эркелетип өпкүлөп, анан: - бара койгула, уктай койгула, берекелерим, - деди жылмая.

- Жакшы жатыңыз, - Наргиза менен Зарылбек жетелеше үйгө кирип кетти.

Аларды ээрчий карап турган Зулфия: "Окшошкон садагаларым, өзүм төрөсөм деле ушулардай болмок да, өздөнбү же жаттанбы, Кудай көргөзгөндү көрөрмүн, өз баласынан кордук көргөндөрдү деле көрүп-угуп жүрбөйүнбү, эмнеси болсо да ыймандуу болсо экен. Наргизам болсо бойго жетип калыптыр, кечээги эле сербейген кичинекей кыз бүгүн суйсалган селкиге айланып калганын кара, мен дале жаш деп ойлоп жүрсө..." Кайрадан анын көз алдына Кубан келип: "Ш-шүмш-шүк дес-се", шыбырап жибергенин өзү да байкабай калды.

Ошол кезде дарбазанын коңгуроосу "чырр" этти. Зулфия жүрөгү "зырп" эте ордунан туруп барып: "Кудай ай, Кубанды өлтүргөнүм билинип калбаса экен", деген ойдо ачпай туруп:

- Бул ким? - деди.

- Мен, Эрнисмин.

- Аа-а, - Зулфия эшикти ачып жибергенде маңдайында күлүмсүрөп Эрнис туруптур.

- Беймаал убак кайдан?

- Атайын тапшырма менен эле келип калдым.

- Жакшы-жакшы, бирок мен азыр ооруп жатам, айылга барып бир-эки жума эс алып келсемби деп жаттым эле.

- Анда кандай кылсак? - ал Зулфияны карап калды, - баса, сиз уктуңузбу, Кубан акени эки жума мурун бирөөлөр уу берип өлтүрүптүр.

- Койчу, качан?! - Зулфия билмексенге салып сурап койду, бирок сыр бербей турганы менен чоочуп: "Бул шүмшүк билип туруп сынап жатып жүрбөсүн?" - деп күдүк ой ойлонуп жиберди. - Анын уу ичкенин ким билиптир, кайдан табылыптыр?

- Өзүнүн машинасынан табылыптыр, эч кандай шектүү нерсе жок го.

- Ким өлтүргөнүн иликтеп жатышабы?

- Анын кимдер, кандай адамдар менен жүргөнүн ким билмек эле, издегенде кайдан издейт? - Эрнис чыйт түкүрө сөзүн баштаганы келатып, кайра: - Эмесе эже, сиз менен качан байланышсам болот? - деди.

- Эки жумадан кийин.

- Жарайт, анда мен кеттим.

- Жакшы бар.

Эрнис Зулфия менен сүйлөшүп жатып эки көзү үйдүн эшигинде болду. Анткени ал Наргизаны көрүп жактырып калган болчу. Эми сыртка чыга калса бир көрөөрмүн деп ойлогон ою ордунан чыкпай, кетип жатат. Жолдо кетип жатып дагы Наргизанын элесин көз алдына келтире: "Келбети келишкен экен, ичи кандай болду экен? Өңү жылтырактын ичи калтырак дечү эле", деп ойлонуп баратты. "Балким, Зоя эже кызын мага ыраа көрбөстүр, анткени мен ал үчүн чоң кылмышкермин да. Төрөбөгөнүнөн күйөөсү таштап кеткен дешпеди беле? Бул кайдагы кызы, багып алган го?" Ал үйүнө кандай жеткенин билбей калды.

Зулфия Эрнис кеткенден кийин чындап эле уйкусу качып кыйналып, же оору эмес, же соо эмес кыжаалат менен таң атырды. "Бираз жакшы болгондон кийин барайын", деп айылдан да калып, төшөккө жатып калды.

Зулфиянын сансыз ойго малынып санаадан ооруганы өзүнө белгилүү дечи. Бирок өзүн өзү канчалык алаксытайын десе да болбоду. "Эрнис да Наргизага көзүн артып калды, аны үйгө жолотпош керек!" - деген ойго келип, ордунан туруп баратып: "Олдо-оо курган жаным ай, деги алдымда дагы кандай азап күтүп жатты экен?!" - деп армандуу термелип алды. А чынында анын алдында чындап эле дагы бир азаптуу күндөр күтүп жаткан эле...

Ошол түнү ал уктап жатып бир жаман түш көрдү. Түшүндө ал Жаныш экөө жапжаш бойдон экен, ээн, гүл жайнаган талаада кубалашып ойноп жүрүшүптүр. Бир кезде Зулфия кадимки абалына келип эле, какыраган боз топурактуу талаада качып баратып артын карайт да: "Эй, сен эбак эле өлбөдүң беле, ал тургай сенин баш сөөгүң менин үйүмдө эмеспи", деп эле качып жөнөйт. Кайда качпасын, Жаныш алдынан чыгат, бирок сүйлөбөйт. Анан эле чуркап жүрүп күйүгүп калат да, артын караса Жаныш көрүнбөйт. Ошондо олтура калайын дегенде кайрадан Жаныштын карааны көрүнө калып, качууга умтула берип, жүрөгү лакылдап ойгонуп кетет. Көзүн ачканда кара терге түшүп, жүрөгү лакылдап кабынан чыгып кетчүдөй болуп калыптыр. "Капырай, өлгөн киши түшкө кирсе жаман болот дечү эле, кан куткарбайт деген чын белем, менин да кезегим келип калдыбы?" - деп ойлонуп, ордунан туруп сыртка чыкты эле, таң заардагы таза аба анын эмелеки коркунучун, жаман оюн алда кайда алып кетип көңүлү сергий түштү да, муздак сууга жууна баштады. Кыялданып, алдыдан көп нерсени күтүп, өзүнчө жылмайып алды да, үйгө кирип подвалга түштү. Коробка мурункудай эле ордунда турган экен, баягы Наргиза көргөн бойдон Зулфия кире элек болчу. Оролгон мата саргайган экен, коробкадан кичине чыгып турат. "Коркконунан чала ороп салып таштаган экен", деп ойлоду Зулфия. Коробканы ордунан жылдырбай эле баш сөөктү колуна алды да: "Байкушум, мен сага керек болуп калдымбы? Анипаны жаш, сулуу деп албадың беле, ал жаныңа барган жокпу? Заман өзгөрүлүп баратат, бир гана сен экөөбүз өзгөргөн жокпуз, сен куу башсың, мен болсо канкор аялмын, билип-угуп жатасыңбы, мен канкормун!!!"

Ал кыйкырып жиберди. Ушул тушта ойгонуп үйгө кирип келген Наргиза подвалдын оозу ачылып, килем түрүлүп турганын көрүп жаңы эле туруп калган. Зулфиянын үнүн угуп селт эте түштү да, артына кетенчиктеп барып бөлмөдөн качып чыгып, эч нерсе билбегендей болуп ордуна барып жатып калды. Бирок өзүнөн өзү коркуп атты. Өткөндө көргөн кишинин башсөөгү, эми минтип Зулфиянын аякка түшүп алып: "Мен канкормун!!!" - деп кыйкырганы ага табышмак болуп туруп алды. Демейде подвалга киргенде Зулфия эшикти ичинен илип сактанып турчу эле, бүгүн негедир бекитпей кирип кеткенин чыгып келатып билди да, Наргиза менен Зарылбектин бөлмөсүнө баш бакса алар уктап жатышыптыр. Көңүлү жайлана түшкөн Зулфия эшикти бекитип, анан подвалдын оозун бекем жаап коюп кайра сыртка чыгып чай койду да, Наргизанын бөлмөсүнө кирди:

- Тургула, секеттерим, тургула, таң атты. Тура койгула.

Зулфиянын мээримдүү жалынып-жалбарып сүйлөгөнүнөн Наргиза ага жоголгон ишеничинен жанып: "Мүмкүн башка бир себеби бардыр, мени эмнеге өлтүрмөк эле, киши жегич болсо ушунча жылдан бери жеп тынмак", деп ойлонуп ойгоо жаткан Наргиза жаңы гана ойгонгондой кериле туруп келди да, Зулфияны кучактап өөп коюп, сыртка чыкты. Чукурана ойгонгон Зарылбек:

- Апо-ов, айылга качан барабыз? - деп сурады.

- Уулум, мен ооруп жатам, бираз күндөн кийин силерди жеткирип келем.

- Ийи да, - бала эмеспи, Зулфия аны кийинтип жатканда муюгансып калды апасынын сөзүнө.

Ойлонуп олтуруп анын башына: "Үй же дача сатып алып бул жерден биротоло кетсемби, бул үйдү болсо квартирага берип койом", деген ой келди. Эртемененки тамагын ичип бүткөндөн кийин ал машинасын айдап үйдөн чыгып кетти. Зулфиянын эшиги башка үйлөрдөй болуп ачылып турбайт. Ар дайым киши жашабагандай болуп бек тураар эле. Зулфия үй же дача болсо сатып алуу үчүн рекламаны карап көрүү үчүн "Вечерний Бишкек" гезитин алып карап олтуруп: "Дача сатылат" дегенди окуп адрес боюнча телефон менен байланышып көрдү эле, алар кабыл алды. Адрес боюнча алардын үйүнө барды да, дачанын баасын сүйлөшүп сатып ала турган болду.

Арадан бир жумадай убакыт өткөндө Зулфия өзү жалгыз машина менен кетип жатып: "Бүгүн Жаныш менен коштошуп, акыркы жолу колума алып сүйлөшүп алайын да, биротоло подвалдын оозун ичи-жигин билгизбей бекитип салайын", деп ойлонуп, жол боюндагы "Элегант" кафесине кирип, бир аз пиво ичкиси келди да, пиво менен шашлык заказ кылды. Пиво ичип олтурганда жанына бир жигит келди да:

- Эжекеси, уруксат бекен? - деди жылмайып.

- Бош орун керек болсо олтура бериңиз! - деди Зулфия мисирейип. Тигил жигит олтураары менен анын заказы келди. Экөө эки жерде үнсүз олтуруп пиво ичишип, бир-бирин көз кыйыгынан карап коюп жатышты. Көптөн кийин жигит Зулфияга карап:

- Эжеке, таанышып албайлыбы, мүмкүн болсо? - деди эле, көңүлсүз олтурган Зулфия аны таң кала карап туруп, анан:

- Таанышса таанышып алалы, менин атып Зоя, - деди.

- Толик.

- Жакшы экен, сүйлө иничек, эмне сөз?

- Мм, сиз кайда иштейсиз, кайда жашайсыз?

- Аа-аа, мен базарда эле соода кылам, Чүйдөн болом.

- Эгер каршы болбосоңуз бираз көңүл ачпайлыбы?

- Бүгүн өзгөчө көңүлүм чөгүп олтурам, андай көңүл ачууга табитим тартпай турат...

- Макул, өзүңүз билиңиз анда, менин да бүгүн өзгөчө көңүлүм чөгүп, сизге окшогон сулуу эжекелерим менен көңүл ачсамбы деген элем.

- Кечирип кой, иничек, мен бүгүн эмес. - Зулфия ордунан туруп кетти. Толик пиво ичип олтуруп көз кыйыгы менен Зулфиянын кетип жатканын карап турду. Ал машинага олтуруп айдап кеткенде: "Оңой катын эмес окшойт", деп ойлоп калды.

Ошол күнү ал үйүнө келди да, Наргиза менен Зарылбектин жанында олтуруп:

- Жакында жаңы үйгө көчүп кетебиз, эң сонун үй экен, дача, тим эле бейиштегидей, суунун бою, бак-дарактардын ичи, ызы-чуусу көп шаар ичинен жададым... - деп ойлуу олтуруп калды.

- Ой сонун болгон тура, бул үйдү эмне кылабыз анан? - Наргиза чындап кубанычы койнуна батпай турду.

- Бул үйгө жөн гана квартирант киргизип койобуз.

Үчөө мамыр-жумур болуп тамактангандан кийин өз бөлмөлөрүнө кирип кетти. Зулфия болсо подвалга түшүп коробканы көтөрүп алып чыкты да, башсөөктү колуна алып али түшпөй шалдырап калган тиштерин колу менен сылап анын арасындагы маңдайындагы алтын тишин кармалап:

- Аа-а байкушум десе, бул тиштериң алда качан түшүп жок болмок, жерге көмүлгөндө. Карачы кадимкиңдей жүргөнүн. Эми сен ушул жертөлөдө биротоло каласың, бул биздин эң акыркы жолугушуубуз. Коштошобуз, өзүң менен жолугуп сүйлөшкөндөй болуп калчу элем, мен үчүн сен бүгүн өлдүң, кош бол, бул сен сатып алган үй эмеспи, сен ушул үйдө калышың керек! - дегенде колундагы баш жан киргендей колунан тоголонуп жерге түшүп кетти. Зулфиянын жүрөгү оозуна тыгыла түштү да, бирок өзүн токтоо кармап: "Кана, тирилип кадимкидей болуп чыга келсең кана?" - деп башсөөктү жерден алайын дегенде ал дагы тоголонуп жылып кетти.

- Ха-ха-ха, ой тоб-боо, мен адам өлтүргөндө коркпой эле сен мага сыр көрсөтүп жатканда коркмок белем, андан көрө мени менен коштошуу сен үчүн кыйын болуп жаткан го, ээ? - деп акырын эңкейди да, башсөөктү жерден алды. - Сени жоготуу, сенден ажыроо мен үчүн да кыйын болгон, сен ошону түшүн, - колундагы башсөөктү бооруна кысып туруп, анан: - Эгерде сен бейкүнөө болсоң кудайдан коркоор элем, сен күнөөлүүсүң, абдан күнөөлүүсүң, анткени сен менин үмүтүмдү, жүрөгүмдү алдагансың, жашоодогу өмүр гүлүмдү соолуткансың!!! - деди да, үнүнүн бардыгынча өкүрүп-өксүп ыйлап, бугу чыкканча боздоп жатты. Анын үнү жандүйнөсүнүн боздоп, кышкы аяздагы булут баскан күндөй түнөрүп тургандай буулукканы жертөлөдөн чыккан жок. - Кош бол, менин жашоом, махаббатым, сен менин өмүр гүлүмдүн чынары элең, чынарым кыйрады, чырпыгым өсүп жатканына кудайга тоббо-оо! - Колундагы башсөөктү саргайып эскирип калган матага ороп, анан абайлап коробкага салды да: - Ардагым ай!!! Ардагым элең, экөөбүздү жараткан бир кошту, бир ажыратты, мени кечире гөр, кагылайын, эми мен сени көрбөйм... Мен сени менен коштошуп жатам, мени кечире гөр!!!

Коробканы текчеге койду да, тепкич менен өйдө көтөрүлүп баратып артына жалт этип бир карап, жогору чыккандан кийин подвалдын оозун бекитип, мыктап, анан сырткы үйгө чыкты да, диванга кыңкая кетти. Зулфия ошол бойдон кыңкайып жатып уктап калган эле, Зарылбек апалап кирип келгенде чоочуп ойгонуп кетти. Уул-кызы менен бирге олтуруп тамактангандан кийин өз-өз бөлмөлөрүнө уктоого кирди.

Зулфия ошондон тарта жездей саргарып ооруган жандай төшөктө жатып калды. Көзү илинип кетсе эле Жаныш түшүнө кирет да, чоочуп кетет.

Акыры үйүнө квартирант издеп, эптеп бул үйдөн кетүүгө ашыкты. Квартирант чыгышы кыйын болду. Квартирант чыкпай көпкө кармалып калышты. Зулфия же оору эмес, же соо эмес болуп жүргөндө дарбазанын коңгуроосу чырр этти. Зулфия сыртка чыгууга көңүлү чаппай:

- Наргиза, ким экен карачы! - деди. Жүгүрүп барып эшикти ачкан Наргиза босогодо Эрнистин турганын көрө үндөбөй туруп калды.

- Ким экен ал, ээ Наргиза, ал ким? - Зулфия ичкериден үн катты.

- Эрнис байке экен, - деген Наргиза артка карай жүгүрдү. Анын артынан жай басып жөнөгөн Эрнис Зулфиянын жанына жетти.

- Кандай, Зоя эже, денсоолугуңуз дуруспу?

- Оңоло албай жатам, дарыланып жатам, - Зулфия андан ары сөзүн улантпады.

- Зоя эже, сиз аялдык кылып жатасыз, артка кайтуу жок экенин билесиз да?! - Эрнис Зулфияны кытмыр жылмая карады.

- Билем, өлүп сөөгүм кара жерге жашынмайынча кайтпас жолдомун. Бирок, Эрнис, муну менен мени коркута албайсың, ансыз да башым канжыгада экенин билем!

- Кечиресиз, мен сизди коркутканым жок, бирок эсиңизге салып жатам.

- Андай болсо мени жайыма койчу, Эрнис, мен кыйналып жатам.

- Зоя эже, бираз сейилдеп келели.

- Көңүл ачууга же сейилдөөгө такыр убактым жок.

- Сүйлөшчү сөздөр бар, эже, сизден суранам?!

- Жарайт, бир саат убакыт жетеби?

- Жетет! Менин машинама эле олтура койуңуз, жеткирип койом.

Эрнис Зулфияны машинасына олтургузуп, Чүй көчөсүнө чыгып зуулдаган бойдон түнкү Бишкектин кооз көчөлөрүнүн биринде баратты. Эрнис бир кезде машинасын жайлата Зулфияны жылмая карады да:

- Зоя эже, сизге кайсы кафе же ресторан жагат, көңүлүңүздөгүнү айтыңыз? - деди.

Зулфия үнсүз гана мостойо Эрнисти караганда ал:

- Катуу ойго чөгүп кеттиңиз, мүмкүн болсо кайда бараарыбызды айтып койсоңуз? - деп аны карады, - эмнеге ойлонуп калдыңыз?

- Аа-аа, - деген Зулфия Эрнисти карап: "Бул эмнени ойлоп жатат? Кандай ойлосо ошондой ойлосун, ансыз да эмне болоорумду ким билет, көргөн түштөрүм жаман, уйкум тынч эмес", деп ойлоп ийди да: - эч нерсени ойлогон жокмун... - деп сөзгө такала калды... - Өзүң эле билчи, азыр мага баары бир! - деди суз гана.

- Андай дебеңиз, эже, - Эрнис Чүй көчөсүнүн жээгинде жайгашкан "Жаркынайым" кафесинин жанына токтоду.

- Жүрүңүз, - деп Зулфия олтурган эшикти ачып, колун сунду.

Ээрчише басып кафеге киришкенде аерде жалаң жаштар олтурган экен. Тээ четтеги бош турган олтургучка жайланышты. Эрнис көпкө Зулфияны карап отурду да, тамак-аш менен кошо келген коньяктан эки стаканга куюп, бирин өз алдына коюп, бирин Зулфиянын колуна берип жадырай күлүп:

- Кел, эжеке, сиздин денсоолугуңуз үчүн, айжаркын жамалыңыздын ар дайым карыбай, жапжаш бойдон жүрө бериши үчүн ичели! - деди.

- Рахмат!

Алып жиберишти.

Экөө үнсүз тамактанып жатышты. Анда-санда гана кашык менен чынынын үнү чыгып, "шырп-шырп" эткен тамак ичилген дабыш угулуп жатты. Арадан жарым сааттай убакыт өткөндө Эрнис Зулфияны күлүмсүрөй карады да:

- Зоя эже, мен сизди жактырып калдым, жок-жок, сиз кабыл албайсыз, билем дечи, бирок жүрөк каалоосу да..

- Мм, Эрнис, бул маселе боюнча мен сени менен сүйлөшө албайм, мен азыр эч кимге керек эмесмин, азыр ооруп жатам, сен экөөбүздүн арабыз кант менен туздун кошулмасындай, эч качан бириге албайбыз!

- Эже, сиз менден улуу болгонуңуз менен жапжаш болуп турбайсызбы, мен азыр жанымда он сегиздердеги селки олтургандай жүрөгүм оолугуп олтурам! - Эрнис аста гана Зулфиянын колун сылай кармап, өөп койгондо анын денеси ток ургандай "зырп" этип алды. Анткени Кубандан кийин башка эркек колун кармабай, эркек аттуудан өзүн оолактата баштаган.

Ошол күнү экөө мейманканадан орун алып, бир-бирине ырахат тартуулап, түнү менен махабат көлүндө чабак уруп, бейиш багында сайран кургандай көңүлдөрү куунак болуп, өмүр алар үчүн кылымга токтоп калгансып өздөрүн бактылуу сезип турушту. Зулфия эртеси таң заарында келип Наргизага билгизбей жатып калды.

Арадан эки жума өтсө да үйүнө кирчү квартирант табылбай жатты. Зулфия чыдамы кете алардын берген телефонуна чалды, трубканы кичинекей кыз алды:

- Ало-о, бул ким?

- Бул мен, үйүмдү квартирага берейин деген элем, апаңды чакырып койчу.

- Азыр!..

- Алоо, бул ким экен?

- Бул мен, Зоя, үйгө квартирага кирем дебедиңер беле?

- Аа-аа, ооба-ооба, эртең сөзсүз барабыз!

- Анда күтөм.

- Макул.

Алар келгенче Зулфия Наргиза менен Зарылбекти машинага салып алып дачага бираз буюмдарын ала барышып, кечке ал жакта болушту. Кечинде үйгө кайтып келе беришти.

Күткөн клиент дагы деле келбей жатты. Зулфия уйкусу келсе да уктагандан качып аны-муну жасап жүрө берет. Анткени уктагандан коркот, уктаса эле Жаныш, эбак өлгөн чоң энеси, агасы түшүнө кирип, жүрөгү лакылдап чоочуп ойгонот да, кара терге түшүп кыйналат.

Кийинки кездерде ал үчүн жашоонун эч бир кызыгы жоктой бул өмүрдөн тажап ээн талаа, эрме чөлгө жападан жалгыз учкан куш болуп жер кезип кеткиси келет, же адам үнү угулгус бийик зоокалардын арасына барып, эч нерседен бейкапар оттогон кайберенге айланып алгысы келет, кээде балапанын коргологон алсыз боз чымчыкка айланып, бийиктикке учуп, баардык азапты унутуп салгысы келет.

Күндөр өтүп жатты. Аз-аздан машинасы менен барганда алып барып жатып, бир топ буюмдарын ташып да койду. Зулфия клиент келбесе да дачага беш-он күн барып орун которуп жашап тургусу келди. Наргизаларды алып ал дачага барып бир жумадай жүрүп калды. Ал арада ал кичине эс алгансып, уйкусу тынчтанып көңүлү көтөрүлө түштү. "Кокус үйгө квартирант табылып калса биротоло бул жакта болоюн" деген ойдо "Эрниске дача жөнүндө билгизбейин" деп купуя ойлонду да, үйүн көздөй жөнөдү. Алар үйүнө келип дарбазаны ача бергенде жерде жаткан кагазды көрүп ала коюп окуп кирди. Ал Эрнистин колу болчу: "Зоя эже, келсем жок экенсиз, эки жолу келдим, сөзсүз жолугуңуз, баягы кафеден күтөм?!"

- Апа, үйгө квартирант келиптирби? - Наргиза сурап калды. Анткени ал: "Тез эле үйгө квартирант киргизип коюп дачага кетип калсак экен", деп ойлоп жаткан. Ага дача абдан жагып калган эле.

- Жок, кызым, башка жумуш, силер олтуруп тургула, мен тез эле..., - деген Зулфия машинага олтуруп жүрүп кетти. Ал келгенде Эрнис күтүп турган экен.

- Зоя эже, кандайсыз, денсоолук дуруспу, жакшы болуп калдыңызбы? - Эрнис жаркылдай утурлап басты.

- Жакшы-жакшы, өзүң.. Мен шашылышмын, айтаар сөздөн, тойс, ток этээр жерден башта.

- Аа-аа, мм.. Макул анда, сиз эртең бир жигит таап келесиз, анткени сөзсүз керек!

- Жарайт, башка сөз жокпу?

- Башка-а, эми ошондо жолугабыз, - деди да, Эрнис машинасына олтуруп жөнөп кетти.

Зулфия анын кеткен жагын бираз карап туруп анан машинасын айдап үйүнө келе берген...

***

Чалкасынан жатып алып баятан бери өткөндөрүн ойлонуп жаткан Зулфия ички бөлмөдө эч нерсе сезбей уктап жаткан Кумарды эстеп: "Жок-жок, мен муну ага бербейм, башка күнөөлөрүм да жетишет!" - деген ойдо Эрнистин келээр жолун сак сактап карап турду. Көп күттүрбөй эле Эрнис келди. Зулфия ана баятан камдап койгон жообун айта салды:

- Эрнис, мени кечирип кой, ысытмам түшпөй... дагы бираз өзүмө келбесем болбойт.

- Зоя эже, сөздү бултаңдатпай иштебейсизби, болбосо...

- Эмне "болбосо"? - Зулфия Эрнисти тикирейе карап туруп калды.

- Бул иште артка кайтуу же калп айтып бултаңдоо жок экенин билип туруп артка тартып жатпайсызбы ишти, анын үстүнө... - Эрнис эки жагын карап "Эч ким жокпу?" дегендей Зулфияны суроолуу карады эле ал:

- Эч ким жок, камтама болбой айта бер! - деди.

- Анын үстүнө жаш, денсоолугу чың эркектер абдан кымбат болуп жатат.

- Кымбат болгондо?... - Зулфия аны сынай карап кызыга кулак түрдү.

- Доллар менен беш жүз миң турат экен. Америкалыктар келип күтүп жатышат.

- Бул сенин алаар маянаң тура, ээ?

- Ооба, шефтин менин кызматыма берээри.

- Анда меники канча болот, сен да менин алчу суммамы айтып койо аласыңбы?

- Аа-аа, мен... аны көрө жатабыз да, сиз адегенде аткара бериңиз!

- Кыз-зык, сен алчу суммаңды билип жүгүрүп жүрөсүң, а мен эч нерсе билбейм, анан ишти аткара берем, ээ?

- Зоя эже, эми-и, сиз капа болбой тура турсаңыз болот да.

- Макул, Эрнис, мен өзүмө келейин, анан ишти бүтүрөм, азыр ооруп турам.

- Анда качан кабар алайын?

- Телефон чалып көрсөң, өзүм айтам.

Эрнисти кетирип коюп үйгө кирген Зулфия ички бөлмөнү карап, Кумардын дале уктап жатканын көрдү да, өзүнүн бөлмөсүнө чыгып уктоого кыңкайып жата калды.

Эртең менен Кумар ойгонуп эле көзүн ачып, башка бир үйдө жатканын көрүп чоочуп тура калды да, кечээ эмне болгонун эстөөгө тырышты. Анан кечээ бул үйгө келгенин эстеди. "Эмнеге жатып калдым, бүткөн боюм ооруп да калыптыр, деги мага эмне болгон, эмне бул жерде калып калдым экен?"

Түркүн суроолоруна жооп таппай ордунан туруп сыртка чыкты. Оозгу бөлмөдө диванда жаткан "Зоя эжесин" көрдү да, кечээ болбой вино ичиргенин эстеп: "Вино ичкенден кийин кызып калсам керек, болбосо..." - деди да, эшиктин алдында турган машинаны көрүп: "Бул аябай бай аял экен, а кечээги кемпир апасы тура, ал эми акыр-чикирди жей турган же малы жок экен, эмнеге аларды алып келди?" - деген ойдо короонун ичин кыдырып жүрүп чочкокананы көрдү. "Мурда бакса керек, азыр жок экен", деп туалетти көздөй баратып тачкасын көрдү: "Абдан бекем, киши көрбөй турган жерге бекиткен экен", деп койду оюнда.

Кумар туалеттен чыгып тачкасын түртүп: "Эгер дарбаза ачык болсо чыгып кетейин", деген ойдо кетип баратканда Зулфия үйдөн чыга калды.

- Кумар, кайда жөнөдүң?

- Зоя эже, кетишим керек, кечирип коюңуз, кечээ вино ичкенге кызып калып кете албай калыптырмын?!...

- Эч нерсе эмес, чай ичип анан чыгасың, жуунуп, тамактанып ал!

- Жок-жок, эже, базардан эле...

- Эмне, кечээги акыңды алып кет, апам сен уктап жатканда келип таштап кеткен.

Кумар макул боло колжуугучка жуунду да, үйгө кирип сүлгүгө аарчынып жатканда Наргиза стол үстүнө тамак-аштарын коюп жаткан эле. Кумар кызды көрө үстү-башынан тартына төргө өтүп олтуруп калды. Кумар тамактанып бүткөндөн кийин Зулфия дарбазадан чыгарып жатып, ага жүз сом акча берди.

- Зоя эже, мынча көп акчаны эмнеге берип жатасыз, жок албайм, менин акым мунун төрттөн же бештен бир бөлүгү эле да?... - деп акчаны алуудан тартынып турду.

- Ал, алагой, менин апам "крутой", бул жолу ал сага дагы аз берип жатат, андан көрө келип-кетип тур, сени өз инимдей көрөйүн, келип тур, ээ?

- Макул, Зоя эже, келип турам, - деген Кумар жүз сомду алды да, коштошуп чыгып кетти.

- Өх! - деп алды Зулфия, "бир күнөө жасалбай калды, мындан ары эч жаман жолго барбайм, эптеп үйгө квартирант киргизип койсом, буларга дайынымды билгизбей койот элем", деп ойлоп кетти.

Эрнис Зулфияга кекенип жатты: "Мени менен эсептешкиси келет, Кубандын айткандарын аткарып койчу эле, мени менен иштешкиси келбей жаткан го", деп өзүнчө жини келип: "Сени.., сага эле көрсөтпөсөмбү?!" - деген ойдо телефон чалды эле, үйдө Зулфия жок экен, кайра-кайра чырылдап жаткан телефондун трубкасын Наргиза алды:

- Ало, ало-о, бул ким?

- Аа-аа, чоң кыз, Зоя эже жокпу?

- Жок, апам жок!

- Чоң кыз, бир мүнөткө мүмкүнбү?

- Мен сизди билбейт экенмин.

- Билесиң. Эрнис байкеңи билбей калдыңбы?

- Аа-аа, айта бериңиз!

- Атың ким эле, чоң кыз, айтып койчу?

- Наргиза.

- Наргиза, укчу мени, жаман көрбөй сөзүмдү угуп койчу, мен сени көргөндөн бери...

- Коюңузчу, сиз андай дебеңиз, атамдай болуп туруп ушуну кантип айтып жатасыз?

- - Эмне-эмне-е? Мени "атамдай болуп" дейсиңби? Эч кандай атаңдай эмесмин, мен али отузга чыга элекмин, чоң кыз!

- Баары бир менден улуусуз.

- Аны көрө жатаарбыз... - дегенче эле Зулфия кирип келгенде Наргиза трубканы койо койду да:

- Эрнис байке телефон чалды, аа-аа... тиги-ии... - андан нары сүйлө албай туруп калганда Зулфия:

- Трубканы койбой койо турсаң болмок экен, мен сүйлөшпөйт белем, макул анда, ал эмне дейт?

- Сизди сурады эле, сиздин жок экениңизди айттым.

- Анан?

- Эч нерсе деген жок.

- Анда өз ишиңди жасай бер, мен... - Зулфия өз бөлмөсүнө кирип кетти.

Акыры күткөн күн келип, квартирант табылды. Зулфия эки-үч күндүн ичинде үй ичин бошотмок болду. Квартирант бир бөлмөсүнө көчүп кирип алгандан кийин Зулфия үй ичин машинага жүктөп алып кетти. Дачага көчүп келгенден кийин ал бир топ жеңилдегендей болуп өзүн сергилең сезе бак аралап басып, түркүн куштардын үнүн угуп, шар аккан суунун боюнда абдан эс ала түштү. Бир жумадай убакыт өткөндөн кийин Зулфия Наргиза менен Зарылбекти жанына алып базарга барышты да, тамак-аш алып кайра келишти. Зулфия машинасын сатууну ойлоду: "Бул бойдон жүрсөм сөзсүз таап алышат", деген ойдо болуп, машина базарга барып өзүнүн машинасын сатууга койду эле, көп өтпөй эле кардар келип Зулфия менен баалашып кирди. Зулфия дароо эле кардардын айтканына макул болду, анткени анын оюндагы баа ошол болчу. "Үстүнө бир аз акча кошсом эле "Джип" машинасын алып алсам болот экен", деп ойлонуп, базар бүткөнчө сатылчу машиналарды кыдырып жүрүп бир "мерседес 500дү" жактырып, ээсине жолукту. "Мерседестин" ээси Зулфиянын үстү-башын карап ары-бери басып туруп:

- Эжекеси, эгер сатып ала турган болсоң келишебиз, кеңешебиз, мен айткан баадан бир сом ылдый түшпөйм, алсаң ошол! - деди.

- Жарайт, машинаңызды айдап көрсөм болобу?

- Болот, эмнеге болбосун.

Зулфия "мерседеске" олтуруп ордунан жылдырып, жыйырма метрдей айдап кайра буруп келди да:

- Сүйлөшкөн боюнча мен макулмун! - деди да, машинанын ичине олтуруп акчасын санап берди. - Оформлениесин качан?

- Азыр бүтүрөбүз, кеттик. - Зулфия машинаны өзү айдап, тигил анын жанына олтурду да, жүрүп кетишти.

Ошол күнү машинанын бардык каттоо кагаздарын бүтүрүп, анан түш оой дачага келди. Эки-үч күн дагы эс алып, анан үйдөн чыгып салонго кирип чачынын прическасын өзгөртүп, бойотуп койду эле, таптакыр өзгөрүп калды. "Эми Эрнис мени таанып алсын", деп өзүнчө мыйыгынан жылмайып алды. Дачага келгенден кийин балдарын алды да, ошол эле күнү айылга жөнөдү. Көп санаадан кутулуунун амалы менен айылга келип ата-энесинин урмат-сыйына бөлөнүп эки жумадай жүрүп калышты да, ата-энесин ээрчитип жаңы алган дачага келишти. Алар дачаны көрүп абдан кубанып жатышты. Бир жумадай жүрүштү да, Наргиза менен Зарылбекти алып айылга кетишти. Зулфия өзүнүн иштерин бүтүргөндөн кийин бармай болду.

Эрнис бул арада Зулфиянын үйүнө үч-төрт жолу келди, телефон чалды, бирок дарегин биле албады. Акыркы жолку келгенинде ал квартиранттарынан сураштырып эптеп дарегин билүүгө тырышып жатты:

- Кайда көчөөрүн айткан жок беле?

- Жок, айткан эмес, биз да сураган жокпуз.

- Айылга кетпеди бекен?

- Билбейбиз.

- Мм да-а, анда эми келсе дарегин билип калыңыздарчы.

- Макул.

Эрнис машинада бара жатып: "Бул шуркуя эмнеге бул иштен баш тартып жатат? Же өз күнөөлөрүн ушинтип жуугусу келип ошенттиби, атайын качтыбы? Балким Наргиза менин телефондон сүйлөшкөнүмдү айтып койсо ошон үчүн качып жаткандыр?" - деп ойлонуп кетип баратып: "Сөзсүз табыш керек!" - деп алды да, Зулфиянын ата-энеси турган айылга барууну туура көрдү. Дал ошол күнү Наргиза айылга келип жол боюнда кыздар менен сүйлөшүп турган.

Эрнис бат эле айылга келип калды. Ал Кубандан Зулфиянын ата-энесинин дайынын, ал тургай аты-жөнүн да уккан болчу. Айылга келээри менен эле четинен сурап көрүүнү чечти да: "Жок-жок, жөн гана байкап кетейин, менин келгенимди Зоя эже билбегендей болуш керек!" - деп алды. Көчө бойлоп кетип жатып жол боюнда топтошуп турган кыздарды көрүп көңүл бура карады да, алардын арасында турган Наргизаны көзү чалды. Бирдемелерди күлүп сүйлөп жаткан кыздар Эрнистин машинасын көргөн менен Наргиза элес албады.

Эрнис көчөнүн орто ченине барып токтоду да, арыда турган бир жигитти өзүнө чакырып:

- Ой дос, ушул айылдык болосуңбу? - деп сурады.

- Ооба, эмне болду? - Ал бери басты.

- Коркчу эч нерсе жок, тээтигил кызды тааныйсыңбы?

- Кайсы?

- Тээтигичи.

- Аа-аа, ал конок кыз экен, бул жерде жүргөнүнө аз эле болду.

- Анда ошол кызды мага чакырып берсең мен сага акысын төлөйм, ичиң оорубагандай болот.

- Качан?

- Бираз караңгы кирсин, өзүнө айтпайсың, мен тээтигил магазиндин артында турам, сразу айткан акчаңды аласың, макулбу?

- Жарайт! - деген жигит кыздар турган жакка билмексен боло басып баратып Наргизаны көз кыйыгы менен карап койду да: "Жигиттер көз артчу кыз тура, менин эмнем кетип жатты эле, өзүмө тыйын керек болуп турганда жакшы болду", деп ойлоп кеч киришин күттү. Убакыт кечтеп калган, бир сааттай убакыт өтүп иңир кирип көз байланганда ал жигит кыздардын жанына барды да, алар менен бираз тамашалашып туруп калды. Эрнис бул тушта машинасынын номерин чыгарып беките салды да, Наргизаны ээрчитип келсе эле машинага тыгып салууну ойлонуп жатты: "Айылда кыздарды ошентип эле ала качып кетет эмеспи?!" - деп өзүн сооротуп жатты. Бир кезде баягыл жигит Наргизаны эмне деп айтканы белгисиз, Эрнисти көздөй ээрчитип келе жатканын көрдү да, көзүнө көзайнек тагынып рулга олтура калды. Караңгы болгондуктан Наргизага машинанын өңү да таанылбай турду.

- Эмнеге чакырып жатат болду экен? - деп машинага эңкейди эле Эрнис ага карап:

- Чоң кыз, апаң ала кел деген, ошон үчүн... - дегенде:

- Сиз ким болосуз, таенемдерге айтып инимди ала кетиш керек, - деди эле Эрнис:

- Машинага олтурсаңыз, айтып берейин, апаңыз кечээ күнү авария болуп... - дегенде эле Наргиза машинага түшүп:

- Байке, эмне болуп авария болуптур, деги өзү жакшы элеби? - деп чыйпылыктай кетти. Эрнис ага билгизбей төш чөнтөгүнөн акча алып чыгып тигил балага берди да, машинаны ордунан жылдырды.

- Байке, үйдөгүлөргө айтып койбосом издеп калышат, анын үстүнө апамды да айтпасам болбойт го? - деп безилдеп жиберди Наргиза.

Эрнис үндөбөй машинаны катуулап айдап жөнөдү да:

- Шашылыш керек, кокус бирдеме болсо кантесиң, адегенде жашаган үйүңөргө барып керектүүлөрүн аласың, анан мен жеткирем, - дегенде Наргиза үндөбөй калды.

Ал: "Эгер чын эле абалы оор болсо эмне болот, а кокус чын эле өлүп калсачы, анда мен эмне кылам? Жок-жок, анын бетин ары кылсын, аман-эсен айыгып кетсе экен", деп сарсанаага түшүп келе берди. Дачага келгенде Наргиза:

- Мен түшүп үйгө кирип чыга калайын, сиз күтө турасызбы? - деди шоопурга карап.

- Аа-а, эмне керек экенин азыр ооруканага барып анан билебиз, олтура бер! - деп машинаны буруп зыпылдата айдап жөнөдү да, күзгүдөн Наргизаны карап койду. Ал кабагы бүркөө, кабатырлангандай ойлуу бара жаткан. Эрнис машинаны өзүнүн үйүн көздөй айдап дарбазага жеткенде токтоду да, түшүп дарбазанын кулпун ачып жатканда Наргиза машинадан башын чыгарып:

- Байке, биз кайда келдик, бул оорукана эмес го? - деди.

- Азыр-р, - Эрнис эшигин ачып кайра келип машинасын айдап ичкери киргизгенде Наргиза алаңдап коркуп кетти. - Апаң ушул үйдө, аны ооруканага алып барбай бул жакка алып келгем, ошон үчүн ага жолугуп, макул болсо алып бара койобуз, - деп күзгүдөн Наргизаны карап жылмайып алды: "Бул алсыз куш эмне кыла алмак эле, эң жакшысы машинага өзү түшүп бергени болду", деп ойлоп машинасын гаражга киргизип туруп, дарбазаны бекитти да, Наргизага карап:

- Чоң кыз, түш, түшө гой, кирип апаңа жолугалы, - деп анан өзү алдыга түшүп үйдүн каалгасын ачып кирди эле, Наргиза анын артынан баратып: "Бул эмне деген киши деги, апам жеңил эле болсо керек, анда эмнеге мени чоочун үйгө чакырды, а кокус өлүп калган болсочу, анда эмне үчүн мени биерге алып келди, деги эмне болуп кетти?" - деп чоочун кишинин артынан үйгө кирип келди. Заңгыраган үйдүн ортосунда эки жагын элеңдей карап туруп калганда ар жактагы бир бөлмөдөн:

- Кире бер, чоң кыз, эч коркпо, мен мындамын! - деп үн салды.

Наргиза кирип келип эки жагын карап апасын издеп жатты, ары карап турган чоочун кишиге карап туруп:

- Байке, апамды көргөзүңүзчү?! - деп жалооруй сүйлөдү.

- Апаңды абдан жакшы көрсөң керек, ээ? - деп бери караганда Наргиза аны таанып дел болгондой туруп калды да:

- Сиз... Сиз мени эмнеге бул жерге алып келдиңиз?

- Эмнеге дейсиңби, Наргиза? Сен менден чоочулабай жүрчү, мен сени абдан жакшы көрөм, ал тургай сүйүп да калдым десем жаңылышпайм! - Эмеле керсейип жаткан Эрнис чынында кыз алдында бечарага айланып калды. - Сени алдап алып келбесем сен келбейсиң да, Зоя эже мага сени бербейт!

- А мен баары бир макул болбосомчу, мен али сүйүү дегенди билбейм!

- Сүйүүнү билбегениң жакшы, экөөбүз сүйүү романын ушинтип баштайбыз. Сенин биринчи сүйүүң жана биринчи эркегиң болсом арманым жок!

- Жок-жок, анте көрбөңүз, суранам сизден, мени өз жайыма коюңузчу! - Наргиза ыйлап жиберди.

Эрнис Наргизанын жанына келип эки колун анын эки ийинине коюп туруп көзүнө тике карады да:

- Ардагым, сен мени чанбачы, эгер сен мага чын көңүлүң менен макул болсоң өмүр бою айтканың менен болом да, не десең аткарам, кийимден, тамактан кейитпей багам. Хандын, бектин аялындай жашайсың, - деп көзүнүн жашын колу менен сүртүп колтуктай басып креслого олтургузду да, өзү анын маңдай тарабына барып олтурду. - Наргиза, угуп жатасыңбы мени?

- Угуп жатам, бирок мен баары бир макул эмесмин, мени жайыма койбосоңуз өлүп да болсо сизден кутулам!

- Ох-хо, абдан көк турбайсыңбы, мен канчалык сага өзүмдү пас көрсөтүп сүйүүнүн күчү менен жалбарсам да болбойт экенсиң да?

- Ооба, эч качан мага сиздин сүйүүңүздүн кереги жок!

Эрнис ордунан туруп ары-бери басып жүрдү: "Эмне кылсам, "бөрү баласы ит болбойт" дегендей бул мага болчу түрү көрүнбөйт". Ал Наргизаны карады: "Бир түнөгөндөн кийин кайда бармак эле, кыз атынан жаңылгандан кийин аргасыз баш ийет да", деп ойлонуп кайра олтуруп калды. Наргиза болсо катуу-катуу басып эшиктерге барып чыгып кетүүгө аракеттенди эле, алар бек экен. Терезелерге да барып көрдү, айнекти сындырган менен темиртоскучтан өтө албасын билди да, өйдө көтөрүлчү тепкичти көрүп көтөрүлө баштады. Экинчи кабаттан секирип кетүүгө даярданып келген эле, баардык терезелери темиртоскуч экенин көрүп, аргасы кетип ар бир бөлмөлөрдү кыдырып көрдү да: "Ашканасы биринчи кабатта болсо керек" деп ойлоп ылдый түштү да, ашкананы издей баштады. Ырасын айтканда Эрнис бул үйдө жашачу эмес, жаңы сатып алган бойдон болчу. Аялы эки баласы менен кетип калган. "Кокус үйлөнүп калсам бул үйгө жашайм" деп ойлогон Эрнис Наргизаны чын көңүлүнөн жактырып калган болчу.

Баардык бөлмөлөрдү кыдырып эч нерсе таппаган соң Наргиза үнсүз олтуруп калды.

- Наргиза, мен сенден дагы бир жолу сурайм, сүйүүмө сүйүү менен жооп берсең мен сени төбөмө көтөрүп багып алам, эгер...

- Жооп бере албасамчы?! - Наргиза ызалуу көздөрүнө келе калган жашын куюлта заарлуу үн катты.

- Анда-аа, өз убалың өзүңө, мага эмес тагдырыңа таарын!

- Өз ишим!

- Болуптур! - Эрнис ордунан туруп сыртка чыгып кетти да, көптөн кийин тамак-аш көтөрүп кирди. Аларын стол үстүнө алып келип койду да, колбасаны туурап тарелкага салып, алма менен жүзүмдөрдү жууп келип:

- Кел эми, болбосоң кой, курсагыңды тойгуз.

- Жок, эч нерсе ичким келбейт.

- Кой антпе, кел эми тамактанып алып бираз эс алалы, таң атып кете электе.

- Өзүңүз тамактана бериңиз! - Наргиза ары карап диванга олтуруп алды.

Эрнис үндөбөй өзү кенен олтуруп тамактанды да, ошол эле олтурган жерге кыйшайып уктап кетти. Наргиза дагы ыйлап жаткан бойдон уйкуга кирди.

Эртеси Эрнис ордунан туруп, Наргизаны ойготпой чыгып кетти.

Зулфия үйдө олтурганда эле иниси кирип келди:

- Эже, кечээ күнү кыздар менен ойноп жолдо турган Наргизаны заматта таппай калдык, бир кара машина турган деп көргөндөр айтты, - дегенде Зулфия эмне дээрин билбей бир топко делдейе туруп калды да:

- Ал машинага түшкөн-түшпөгөнүн ким билет, же көргөндөр бар бекен?

- Жок, бирок бейтааныш машина жол боюнда күүгүмгө чейин турган экен.

- Жолго чыгарбай эле койсоңор болмок экен, Закини жакшы карагыла, мен Наргизаны издөө салайын, - Зулфия кийинип сыртка чыкты да, машинасын айдап жүрүп кетти. Иниси өз машинасы менен айылга жөнөдү. Канчалык издеген менен Наргизанын дайыны чыкпады. Каражатын аябай баардык жакка кулактандыруу берди, жадагалса телерадиодон айтылып жатты. Бирок Наргиза кумга сиңип кеткендей дайынсыз жоголду. Зулфия айылга барып суу-суунун жээгин каратып, издебеген жерлери калбады, баары бир дайыны чыккан жок.

Зарылбекти алып дачага келген Зулфия абдан ыйлады, кейиди, эч пайда жок экенин билгенден кийин ойлоно баштады: "Кара машина Эрнис болуп жүрбөсүн.. Болушу мүмкүн, эгер ал болсо анда Наргизаны атайы алып кетти, демек мага өчөшкөнү. Эмне кылсам: ага өзүм эптеп байланышсам бекен?" - деп ойлонуп олтуруп башы катты. Кайда бараарын, кайдан, кантип издээрин билбей кыйналып үйдөн чыкпай үч-төрт күн жүрүп калды. Бир күнү ал ойлонгондон башы ооруп диванда жатса дарбазанын коңгуроосу чыр этти. Зулфия ордунан кандай турганын сезбей калды: "Оо кудай, Наргиза келип калган жокпу, ылайым эле келип калса экен", деп атып чыкса Эрнис туруптур. Зулфия үн чыгарбай ордунда катты.

- Кандай, Зоя эже, эмне дайыныңыз чыкпай кетти?

- Аа-а, жөн эле, кокусунан бул дачанын сатыла тургандыгын угуп сатып алып көчүп келе бергем, анан сага байланыша албай жаттым... Ырас болбодубу келгениң, - Зулфия үйгө баштап кирди. Эки жакты карап суктана таңдайын такылдаткан Эрнис үйгө кирип баратып:

- Укмуш, хан сарайы деле мындан ашык болбосо керек, жашооңуз ханышадай болгон соң албетте кылмыштуу дүйнөдөн баш тартасыз да, да, даа-аа.

- Эрнис, мени түшүнчү, мен кантип эле сени алдайын же телефонуңду таштабапсың, анан байланыша албай эле... Андан көрө мени укчу, Эрнис, эки жумадан бери башыма иш түшүп түн уйкумдан, күндүз тынчтыктан кетип азаптамын... - Зулфия көздөрүнө жаш ала үнү каргылданып кетти.

- Ал кандай иш, эзели солк этип койбогон Зоя эжемдин көзүнө жаш алганы мени кооптонтуп жатат? - Эрнис Зулфиянын маңдайына келип, эки колу менен эки ийинден алды да, креслого олтургузду. - Айтыңызчы деги, ал кандай иш?

- Наргизаны жоготуп алдым, айылдан алып кетиптир, кимдер алып кетти, кайда, эмнеге - билбейм, издебеген жерим калбады.

- Кыз-зык, кимдер алып кетиши керек, чын эле эмнеге? - Эрнис калп эле ойлонумуш болуп ары-бери басты. - Издеш керек, изин суутпай издей бериш керек, табылып калгысы бардыр.

Эрнис муну айтып жатып, ичинен: "Кадимкидей иштебесең, ар кайсыны шылтоо кылсаң балаңды да жоготом, мага башка бала менен сеникинин айрымасы кайсы?", деп ойлонуп ары баратып кытмыр жылмайып алды да, кайра бери басып келип:

- Зоя эже, капа болбоңуз, табылат, ан үчүн талбай издеш керек, үмүтүңүздү үзбөңүз!

- Кантип үмүт үзөйүн, эшик чыр этсе эле кызым келип калдыбы деп чыгам, жок...

- Келип калаар... Эже, мындай бир абдан жүйөөлүү иш, сиз дагы бир кичинекей бала табыңыз, акысы абдан кымбатка турат, кызыңызды издегенге акча керек, акчаң болсо бардык нерсени жасоого болот эмеспи.

- Азырынча акча деле бар, жетмек, бирок бул иштен өлүп башым көргө кирмейин баш тарта албайм, мен даярмын, качан келип алып кетесиң?

- Даяр болгондо өзүңүз звонить этсеңиз эле келе калам, - Эрнис алакандай кагазга телефон номерин жазып калтырды да, чыгып кетти. Анын артынан карап турган Зулфия: "Каапыр, ушунун колунан келбеди бекен, жок дегенде машинанын атын, номерин көргөн киши болгондо не?" - деп анын кеткен жагын ойлуу карап, көпкө тура берди.

Эрнис болсо кетип жатып эмеле короодон көргөн "мерседести" ойлоп: "Шуркуя десе, бул баарын алмаштырып эптеп кутулгусу келген экен, жан далбас кылып жатканын кара, эми сага Наргизанын караанын да көрсөтпөйм!" - деп кетип жатты.

***

Наргиза үч күнгө чейин наар алган жок, Эрнистин асты-үстүнө түшүп ар түрдүү тамак-аштарды алып келип астына койгонуна көңүл да бурбады. Өзүн өлтүрүүгө эч нерсе таппады. Үчүнчү күн өткөндөн кийин оозу кургап, ичи курулдап суу ичкиси келди, суу ичип алып кайрадан стол үстүндөгү дүйүм тамактарды көрүп шилекейин жутуп эки жагын каранып алды да, столго жакындады.

"Тамактанып эле алайынчы, баары бир өлө албайт экенмин, андан көрө мына бул эки кабат заңгыраган үйдө өзүмдү эркин сезип жашай берейин. Эрнис мени баары бир койо бербейт. Эмне, жаман деле күйөө болчудай эмес, байкуш жалдырап эле жатпайбы...?" Наргиза ушуга окшогон ойлорго берилип, столго жакындады, анан сыртты карады, эч кандай дабыш жок.. "Кайдагы дабыш болмок эле, Эрнис келсе дарбаза ачылат да", деп столго олтурду да, адегенде колбаса менен нандан жей баштады. Бираз ар кайсыдан жегенден кийин өзөгү үзө тартканы билинбей тойо жегендей олтуруп калды. Анткени төртүнчү күн ачка боюнча азыр наар алып жатпайбы. "Өзөгүмө түшүп кетпесин" деп ойлоп, кайра күлкүсү келди: "Бир нече саат мурун эле өлүмдү каалап жатпадым беле, эми өзөгүмө түшүп кетүүдөн коркуп жатам", деп жылмайып алды. Өзөгүнө бирдеме баргандан кийин эриккенин билди да, тигил бурчта турган телевизорду сайды: "Кеч кирейин деп калды, жакшы передача болсо көрүп олтура берейин..." Телевизордо акыркы кабарлар болуп жатыптыр. Наргиза аны карап олтурганы менен ою башкага кетти: "Азыр Эрнис келсе менин минтип олтурганымды көрсө сүйүнүп кетип, анан мени төшөккө алып барса?..." Көзүн жумуп жиберди: "Кыз эмес экенимди билсе эмне дейт болду экен? Ошого кантип жооп берем, же апамдын ойношу Кубан зордуктаган дейимби? Жок-жок, антпей калайын, андан көрө келсе ага чын сырымды айтып, кыз эмес экенимди ачык түшүндүрөйүн", деп олтурганда эле өзүнүн аты-фамилиясы кулагына шак дей түшүп, телевизорду карай койсо сүрөтү турат. Жоголгондор тууралуу кулактандыруу экен. Ыйлап жиберди, кантип билдирет? Аргасыз көзүн жашылданта олтуруп калды. Дароо кабагы бүркөлө түштү: "Эми болбой калды, менин кыз эмес экенимди Эрнис билгенден кийин койо берсе да, баары бир үйгө барбайм, ар убак ошонун ойноштору мени минтип балалыгымдан ажыратып, камап олтурат.. Мен сени мындан ары көргүм келбейт!"

Наргиза заматта көңүлү кирдеп, телевизорду өчүрүп салды да, диванга жатып алды. Азыр бирдеме ичкенге шалдырап уйкусу келип турган. Ал жаткан жеринде уктап кеткен экен, эшиктер шарактап ачылганда чоочуп ойгонуп тура калды.

- Наргиза, кандай, зерикпедиңби?

- ?..

- Мен сага со-онун алтын сөйкө, шакеги, цепочкасы менен алып келдим, карачы?

- Мага андайдын кереги деле жок, тим койуңуз!

- Жок, алтыным, андай болбойт, мен сага атайы алып келгенден кийин кантип сага такпайм. - Эрнис Наргизага жакындап келип калганда Наргиза кыйкырып жиберди:

- Токто-оо! - Эрнис чоочуп кетип токтоп калды. - Сиз мени билбейсиз, мен тоголок жетим кызмын, мени ошол аял багып алып адам катары жашай баштаганмын, ошол аялга жолуктурган жаратканга ыраазы болуп жүргөн элем... Бирок сиз угуп койуңуз, көрүнгөн жерде үйсүз, кардым тойбой жүргөн кезде мен кордолуп калгам, сизге ошондой кордолгон кыздын эмне кеги бар эле, мени жайыма коюңуз, суранам, койо бериңиз?!

Эрнис бир топко шалдайып туруп калды: "Чын эле мага кордолгон кыздын кереги эмне, колумда акча турганда кыздарды четинен таап албайынбы? Жок-жок, муну чын дилим менен жактырып калбадым беле, эмне экен, ансыз деле далай эле кыздардын убалына калгам, жүрөгүм менен жактырган кыз мага жүрөгүн, дилин арнаса болду да!" - деген ойго келген Эрнис Наргизага карай жарк эте күлдү да:

- Эмнеси бар экен, сен мага чын жүрөгүң менен берилсең, дилиңди, жүрөгүңдү арнасаң болду, Наргиза, - деп Наргизага жетип кучактап калды. Наргиза үн дебеди, болгону Зулфиянын ойношунан кордолгонун айтпаганына ичинен кубанды. Кантсе да ал сырды өлгөнчө ичине сактоого өзүнө ант берди, анткени ал жамандык кылган жок, өз баласындай гана кийимдин жакшысын, тамактын чүйгүнүн, таттуусун берип бакпадыбы жети-сегиз жыл. Эрнистин кучагында туруп ушуларды ойлогон Наргиза ыйлап жатты.

- Өз энемдей камкор болчу, ал эмне болуп жатты болду экен?

- Эч ойлонбо, Наргиза, баары жакшы болот, сен мага көңүлүң менен, жүрөгүң, дилиң менен берилген жар болсоң мен сени эч нерседен өксүтпөйм!

Наргиза үн дебеди, жөн гана соолуктап ыйлап жатты, ошол күнү алар бир бүтүнгө, бир-бирин толуктаган үйбүлө деген чакан бөлүккө айланып, жашоонун сырдуу да, чырдуу да табышмактуу дүйнөсүнө биригип аттанышты. Эрнис Наргизаны жан дили менен сүйгөндүктөн анын көп кыйнабай көнүп бергенине абдан кубанды, ал үчүн баарына бел байлоого даяр экендигин далилдегиси келип, ар убак чарк айланып айтканын аткарууга далбастап жатты. Наргиза болсо тагдырдын ушунчалык оомалуу-төкмөлүү экенине аргасыз баш ийип берди. Эрнис Наргиза өзүнө бериле мамиле кылып, үй жумуштарын жасап калганда бүт эмеректерди, үйгө керектүү буюмдарды алып келип толтуруп салды. Эки кабат үйдү толтуруп салгандан кийин бир күнү орто жашаган аялды алып келип үй жумушчу кылып берди. Ошентип Наргиза ханышадай жашоого өтүп, ар бир күнү жашоосунда болуп өтүп жаткан өзгөрүүлөрдү ойлоп, Зулфияны эстеп өзүнчө кыйнала берчү болду. Кызматчы аял абдан жакшы аял эле. Ал Наргизанын көп ойлонуп кээде ыйлап алганын көрүп ага акыл-насаатын айтып, көңүлүн көтөрүүгө аракеттенип турат.

Арадан билинбей жыл өтүп кетти. Наргиза бул кезде кошбойлуу болуп калган. Эрнис ого бетер асты-үстүнө түшүп, көзүнүн агы менен тең айланып турат. Анын көбүнчө түн катып келгенине Наргиза таң калат, бирок суроого оозу барбайт. Ал келгенде көбүнчө алтын буюмдарды көп алып келет да, аны Наргизага көрсөтүп:

- Жаным, мына булардын өзүңө жаккандарын тандачы, эгер баарын жактырсаң, бүт ал! - деп ага жалбара өпкүлөп кирет.

Чынында Наргиза алтынга кызыкчу эмес, ушул бир жылдын ичинде Эрнистин алып келип берген алтын буюмдарын тагынып эле жүргөн. Азыр өзү зорго эле он сегизде эмеспи. Колдорунда болсо көздөрү каухар алтын шакектер толтура.

- Болдучу, мунун баарын эмне кылмак элем, ой-оой, кыйналып кеттим, жетет, көп кереги жок, калганын сатып жибер, - Наргиза эркелей кетет.

- Алтыным, жаным, кыйналбай жүрчү, жакында ата-энемдин төрүнө алып барам.

- Өзүң бил.

- Сөзсүз алып барам, алар көрсүн менин аялым кандай сулуу экенин, анан да менин кандай табышкер экенимди билишсин!

Наргиза ичинен: "Же көчөгө чыкпасам, бул жансыз буюмдарды мен тагынып жүргөнүм менен мунун мага кандай кызыгы бар, өлүү дүйнөнүн ичинде калдым, шарактап курбуларыма кошулуп ары-бери баспасам булардын эмне кереги бар?" - деп көпчүлүк убакта өзүнчө чөгүп кете турган.

***

Зулфия болсо Наргизадан такыр эле түңүлүп калган. Эрнистин тапшырмасын аткаруу үчүн эки жакка баруу керек, ал эми Зарылбекти жалгыз таштай албайт, акыры ал аны айылга жеткирүүнү ойлонуп чечти. Ал айылга уулун жеткирип коюп кайра кетип жатып жол боюнда бети-башы карала-торала болуп ойноп жаткан баланы көрдү да, машинасын токтотуп аны чакырды эле, ал кубангандай чуркап келип машинага түшкөндө, Зулфия эки жакты карап туруп машинасын айдап жүрүп кетти. Убакыт кеч болуп калган, ал айылдын четине барып машинасын токтотту да, жанындагы напитокту алып ага уйку дарыдан кошуп туруп эч нерседен бейкапар олтурган балага берди эле, ал ичип, анан Зулфиянын колуна карматкан печеньесин кармап олтурду. Зулфия машинасын артка буруп айдап жөнөдү да, айылга кирип келди. "Эч ким көрбөдү бекен, кокус көрсө эмдигиче тополоң түшүп жаткандыр", деп ойлоп, машинаны жай айдап жүрүп отурду: "Эгер билип калса тамашалап койдум деп өз колдоруна тапшырайын, билбей калса..." Артын караса алиги бала борсоюп уктап калган экен, колундагы печенье жанына түшүп калыптыр. Зулфия эки жагын карап көпкө токтоп турду. Көчөдө жүргөн бир да адам же аял көрүнбөйт. "Кокус билинип калса ата-энеме жаман болоор, жок-жок, билинбей калса экен, эгер азыр бирөө жолугуп сураса "билбейм" деп, анан сүйүнчү сурап койойун", деп да ойлоду. Жол боюнда жарым сааттай турса да эч бир жан жоктой жымжырт. Көп өтпөй "Эмне болсо ошол болсун", деген Зулфия машинаны айдап чоң жолго чыкты да, шаарды көздөй зуу койду.

Зулфия шаарга жетип дачага келип калган кезде айыл чуру-чуу түшүп, чоң ата-энелер небересин издеп жүрүштү. Анын машинага түшкөнүн эч жан көргөн да, билген да эмес экен, түндү түрө издеп жүрүп ар кимиси ар кандай божомол айтып жатышты. "Азыткы азгырып кеткен жокпу, алыс бара албайт эле, кайда кетти?" - дешип чуулдап жатышты. Баары бир ары-бери чуркагандан натыйжа чыкпай шаардагы уул-келинине кабарлашты, алар таң атпай келишип, эч айла таппаган соң, кулактандыруу берип издөө салып жатышты. Бул учурда Зулфия баланы Эрниске берди да, андан акча күтүп калды. Эки-үч күндөн кийин Эрнис келди да:

- Зоя эже, бул сиздин эмгегиңиз, бирок тигил баланы алып кетчү клиенттер кечигип, анын үстүнө жол тосулуп издөө катуу жүрүп жатат, бир аз изин суутуп анан алып жөнөбөсөк болбойт, анткени аны Алматынын аэропортуна жеткириш керек! - деди да, колундагы белинен буулган жашыл акчадан үчөөнү сунду. Зулфия үн дебеди, жөн гана Эрнистин кетип калышын каалады, ал оюнда анын артынан жөнөгүсү келип турган, анткени эптеп анын үйүн көрүп алса: "Аерден Наргизаны табаар бекемин?" - деп ойлогон эле. - Зоя эже, бул ишибиздин ийгилиги үчүн бираз чайлашпайлыбы?

- Эч нерсеге көңүлүм жок, дагы бир күнү... - Зулфия көңүлсүз экенин билдирди.

- Макул анда, мен барайын...

- Жакшы бар! - Зулфия Эрнистин артынан чыгууга бел байлаганы менен: "Мүмкүн ал билип калсачы, же аерде Наргиза жок болсочу?" - деп анын артынан баргысы келбеди. Ал кетээри менен санаага түшүп диванга кыңкайды, тамак ичкиси келбеди.

Эртеси айылга келип уулу Зарылбекти алып кетүүгө жөнөгөндө жолдо жүрөкзаада болуп келе жатты. "Азыр мен барганда "мына ушул машина алып кеткен" деп таанып калса канттим?" - деп убайым жеп айылга кирип келди. Бирок ал күткөндөй эч ким аны анткен жок, тескерисинче ал келгенде ата-энеси ага бул жердеги укмуш окуяны айтып берип таң калып жатышты:

- Капырай десең, күндө эле ойноп жүргөн бала заматта жок, же өлүүсү, же тирүүсү жок жоголду... - деп апасы таң калганын жашырбай тамшанып жатты. Аны уккан Зулфия үн-сөз жок, ал жерден эптеп кетүүгө аракеттенип Зарылбекти кийинтип алып жолго чыкты. Келээр келгенче ар ойду ойлоп келе берди. "Оо кудай, ошол ата-эненин көз жашы мени оңдурабы? Акыры бир күнү убалы жетет го!" - деп келе жатып шаарга кирип келип, Кызыл-Аскерге жеткенде жол боюнда токтоп турган Эрнистин машинасын көрдү. Дароо машинасын токтотуп койуп күтүп калды. Тээ көптөн кийин гана Эрнис эки-үч киши менен кафеден чыкты да, эки жакты карабай эле машинага олтуруп жөнөдү. Зулфия чымын-куюн болуп жүрүп жаткан машиналардын арасына кирди да, Эрнистин артынан кууп жөнөдү. Акыры ал шаардын четиндеги айылга бурулуп кеткенде Зулфия токтоп калды. Анткени анын артына түшсө дароо аны таанып калмак. Ал узап кеткенче карап туруп, анан жолго түшүп Эрнис кеткен тарапка машинасын айдап жөнөдү. Көп өтпөй эле айылдын четирээк жагында эки кабат үйдүн жанында Эрнистин машинасынын турганын көрдү да, машинаны далдоого токтотуп күтүп турду. Зарылбек болсо бышылдап арткы орундукта уктап жатат. Көз айрыбай карап турган Зулфия: "Мүмкүн мунун үйү деле эмес чыгаар, жанында экөө жүргөндөй болбоду беле, ошолордун бириники болуп жүрбөсүн?" - деген менен акырына чейин күтүүнү ойлоду. Бир топтон кийин Эрнис өзү чыгып машинасын дарбазадан киргизип кетти. Ошондо гана ал Эрнистин үйү экенин билип, кекенип алды. "Сени шашпа, акыры таптымбы, сары изиңе чөп салбасам элеби?" - деди да, машинасын артка буруп айдап үйүн көздөй жөнөдү. Ал эртең Эрнистин үйүнө кантип барууну пландаштырып жатты. Адегенде эртең үйгө бир жумушчу жалдоону ойлоду.

Эртең менен жай ойгонгон Зулфия түндө көргөн түшүн ойлоп, көпкө бушайман болуп олтурду. Анын түшүнө Анипа кирип: "Эже, сиз Жанышка көйнөк тигип бербесеңиз болбойт, жүрүңүз!" - деп колунан тартып жатыптыр. Зулфия болсо андан качып: "Сенчи, сен өзүң тигип бербейсиңби, менин азыр колум бошобойт!", деп жанталаша андан качып жатыптыр. "Ой тоббо-оо, чын эле кан куткарбайт деген чынбы?" - деп көл-шал болуп тердеп жүрөгү кабынан чыга лакылдап кыйнала берди. Анан ордунан туруп сыртка чыкты да, суу боюна барып эмелеки түшүн сууга айтып кайра келип жуунуп сергип калды. Эртең мененки тамагын ичип бүткөндөн кийин Зарылбекти жанына салып алып Ош базарына барды да: "Беш жашар баланы бакканга нянка керек", деп жарыя берип, бир топ күтүп калды. Жарыядан улам алты-жети кыз-келин анан бир улгайган аял келди. Зулфия улгайган аялды мындайраак ээрчитип чыгып:

- Бала-чакаңыз барбы? - деп сурады.

- Жок, айланайын, балам жок, эптеп жан баксам болду эле...

- Кайдан болосуз?

- Кайдан экенимди сурабай эле кой, кызым, балам жок, иним бар эле, ал да өлүп калган, келиним батырбай...

- Анда жүрүңүз. - Зулфия аны ээрчитип келип машинага салды да, жөнөп кетти. Зарылбек ал нянкага көнгөнчө Зулфия эч жакка чыкпады, анткени ал аялдан да күмөн санап жүрдү. Ал аялдын аты Бүбү экен. Чынында карапайым, жоош момун болуп чыкты.

Бир жумадай убакыт өтүп Бүбү ал үйгө көнүп, эки-жагын билип калганда Зулфия ага:

- Эже, сиз сыртка деле чыкпайсыз да, сыртыңардан бекитип кетейин, - деди.

- Эшикке эмне бар, кагылайын, короонун эле ичинде болобуз уулум экөөбүз.

- Анда мен жумуштап кеттим.

Зулфия машинасын айдап чыгып кетти. Болжолдуу жерге келгенде Зулфия машинасын стоянкага коюп бекитип койду да, маршруткага отуруп жөнөдү. Эрнистин үйүнөн бир топ алыстан түштү да, ээн жол менен бара жатып ээн турган үйгө кире калып, масканы кийе салып, башына жоолук салынып, бутуна ала келген эски көлөчтү кийди да, Эрнистин үйүн көздөй басып баратты. Дарбазага жетип коңгуроону басты эле, анын кызматчысы эшик ачты. Зулфия аны карап:

- Кызым, өзүм кайырчымын, анан төлгө да ачам... - деп айтты. Ичинен: "Кереги жок деп кирип кетпесе экен", деп ойлоп коркуп атты.

- Ким экен? - Ушул учурда Наргиза үйдөн үн катты. Тааныш үндү уккан Зулфия өзүн кармай албай: "Наргиза, кагылайын кызым!" - деп кыйкырып ийе жаздады да, зорго өзүн кармап турду. "Шүмшүк, мунун да ажалы жеткен белем?" - деп кекенип калды.

- Кайырчымын дейт. Анан төлгө ачат экен! - кызматчы ичке карай жооп берди. Аңгыча Наргиза жетип келди да, Зулфияны үйгө ээрчитип кирди:

- Эне, төлгө саласызбы?

- Ооба, кагылайын. - Зулфиянын колдорундагы алтындарды көрүп: "Алтынга азгырылган экен го, мен бул үчүн кандай азап чектим", деп ачууланып алды. - Эмне, төлгө салдырат белең?

- Ийи-ии, ооба, төлгө салдырат элем... Сиз мени түшүнүңүзчү, мен бул жерде зордук менен жашап калдым, айлам жок мына эми төрөөр күнүм да жакындап калды. Сиз мага менин апам жөнүндө салып берсеңиз?

- Апаңдын атын, кайда жашаарын айт, салып берейин.

- Зулфия, иним да бар эле, алар мени ойлоп жатышабы, мен барсам кабыл алабы, салып бериңизчи.

Зулфия мурунтан даярдап алган төлгө ташын ала коюп тартып кирди...

- Кызым, апаң аябай кабатыр болуп ойлонуп жүрүптүр, ал сени ар убак күтүп жол карайт экен, бирок күйөөңдү таштай албай жаткансың го, ээ?

- Жок, андай деле эмес, бирок эч нерседен кемитпей, каалаганымды аткарып, оюм менен болуп жаткан эмеге кээде боорум ооруп кетет, болбосо...

- Карачы, апаң сени чыдамсыздык менен күтүп жатыптыр, бул жерге сен кандайча келип калдың?

- Мени алдап, "апаң авария болду, өлүм алдында жатат, сени гана келсин деди", деп алдап алып келген, эгер Эрнисти тааныганда келмек эмесмин, ал караңгыда таанылбай калбадыбы, анын үстүнө апамдын авария болгонун угуп чыдай албадым, келсем эч кандай андай иш болбоптур, мени колго түшүрүү ыкмасы ошол болуптур.

- Мындан ары жашап кетээр оюң барбы, же...?

- Билбейм, апама жиберип, анан кадимкидей эле барып келип каалагандай жүрсөм болмок, бул жер мага түрмөдөй сезилип, кээде тажап да кетип жатам...

- Мм.. Анда апаңдын адресин бер, мен ага сенин кабарыңды жеткирейин.

- Мен ал жактын адресин так билбейм, кандай аталаарын да билбейм, өзүбүздүн машина менен барып келчүбүз, жолун да эстей албай койдум.

- Анда кыйын экен, мен кетейин, кызым, - Зулфия ордунан туруп үйдүн ичин айланта карап, анан сыртты карай жөнөдү. Наргиза ага акырын келип эки жүз сом карматып жатып:

- Жакшы барыңыз, - деп кала берди.

Зулфия акырын артын карап, ээн тарапты көздөп барып, жанагы ээн үйдүн ичине кирип кайрадан маска менен кийимин чечти да, чачы-башын оңдоп жолго чыгып маршруткага түштү...

Үйүнө келгенден кийин да Зулфия өзүн колго алалбай эмне кылаар айласын таппай кыйнала берди: "Же ушул эле бойдон экөөнү тең өз жайына коюп койсомбу, билмексен болуп жүрө берейин. Наргизада күнөө деле жок тура. Андан кичине эле шек алсам анда, анда экөөнү тең... Жок-жок, жашай берсин, балалуу да болгону калыптыр, кыянаттык кылбайын, жок дегенде Наргизанын мага деген таза ою үчүн экөөнү тынч койойун..." Зулфия ушул ойго токтоп өзүнчө эс ала түштү. "Эмнелерди кылбадым, байкуш Жанышты айтсаң, менин колумдан өлөөрүн ойлоду беле? Жок, түк оюна да келген эмес... Кубанчы, Анипачы.. Мен аларды өлтүргөндө корккон эмес элем го, эми ар бир кадам сайын коко берчү болдум. Эмнеге, мүмкүн менин да кезегим келип калса керек?" Зулфияны басса-турса ушуга окшогон санаа тынчын алып, кайрадан кыйнала баштады.

Ошол арада ага Эрнис келди да:

- Зоя эже, баягы баланы түндөп аэропортко жеткириш керек, ага сиз гана жарайсыз, сөзсүз бүгүн алып барыш керек, ал жерде клиент күтүп турат.

- Өзүмдүн машинам мененби?

- Жок, башка машина болот.

- Жарайт, кай жерден күтөсүң?

- Казакстандын чек арасынан.

- Болуптур, бара бер! - Зулфия жуунуп-таранып ошол күнү кечке көңүлү ачык жүрдү. Түш ооп калганда Бүбүгө:

- Эже, тооктун этинен куурдак жасай коюңуз, бир жакшы олтуруп тамактаналы, - деди да, өзү кыңылдап ырдап Зарылбекти жетелеп суу боюна барып кайра бак аралап келе жатып: "Быйыл кырк тогузга келиптирмин, мүчөлүү жылым тура", деп анан бактын ичине кирип арасында жаңыдан түйүлгөн алмалардын кызарып бышып келе жатканын көрүп: "Биринчи мөмөсүнөн ооз тийейинчи", деп алмадан эки-үчтү үзүп, бирди өзү жеп, бирин Зарылбекке берди да, үчүнчүсүн Бүбүгө алып келип:

- Эже, карачы мобул алманы, эң биринчи мөмөсү, биринчи түйүшү экен, - деп ага сунду.

- Ийи, абдан жакшы алма болот буйруса, даамы да жакшы тура! - Бүбү алманы тиштеп көрүп Зулфияга карап мактап жеп жатты.

Арыдан-бери тооктун этинен куурдакты бышыра салган Бүбү стол үстүнө булоолонто салып келип, анан чайды да куюп сунуп өзү ары кетип жатканда Зулфия:

- Эже, кел отур, чогуу эле тамактаналы, мындан ары бөлүнбөй биз менен чогуу олтуруп жүрүңүз, - дегенде Бүбүнүн сүйүнүчтөн көзүнө жаш келе түштү да, байкатпаганга аракеттенип тамак куюп келип олтуруп калды. Чынында Бүбү иниси өлгөндөн кийин аябай кордук көрүп, же элдей соода кылалбай, ачка-ток жүргөн кезде Зулфияга жолуккан болчу. Ал Зулфиянын сөзүнө эрээркеп кетти. Кээде: "Ушундай бир эле кызым болсочу", деп өкүнүп алып, кайра: "Ушул аялга туш болуп калганыма Кудайга шүгүр", деп жаратканга жалынып ала турган.

Шашпай тамактанып болуп, анан үйгө кирип заматта өзгөрүлүп чыга калган Зулфияны көрүп Бүбү таң калып турду. Ал үстүнө кыска жеңил костюм менен шым кийип, чачындагы химиясын тарап койгондо барпайып такыр башкача көрүнүп калган. Көзүнө кара көзайнек тагып, бутуна акыркы модадагы туфлини кийип чыга калды да:

- Балага сак болуңуз, мен тез эле... - деп чыгып кетти.

Зулфия болжогон жерге келгенде аны Эрнис күтүп турган экен. Экөө бир мүнөттөй беттеше калды да, кайра экөө эки жакка бөлүнүп, Зулфия жол жээгиндеги кара машинага олтурду. Тапшырма боюнча ал машинада бала болуш керек, аны сандыкка салып уктатып коймок. Зулфия эч нерседен шек албай эле машинаны айдап жолго чыкты. Бир кезде зуулдаган бойдон Алматы шаарынын аэропортун көздөй жөнөй бергенде күзгүдөн артында кара кийимчен адам олтурганын сезе койду да, өзүн абдан токтоо кармады. Билмексен болуп кетип жатып мурунтан даярдап алган тапанчаны кол сумкасынан эч байкатпай алып алдыда боло турган салгылашууга даярданып, анан:

- Сен кимсиң? - деди токтоо.

- Кимди эмне кыласың, айдай бер!

- Кайда айдашым керек?

- Эмне, сага айткан жок беле?

- Сөздү токтотуп ишке өтөлү, эмне максат менен түштүң?

- Мен сага эми түшүндүрөм! - деген кара кийимчен Зулфияга тапанча такай калды. - Эмнеге киши өлтүрүп жүрөсүң?

- Адегенде менин колумдан өлгөн адамды айтып бер, анан жооп берейин.

- Кызыңды өлтүрүпсүң!

- Ха-ха-ха, көргөн киши бирок бар бекен? Же мен өлтүргөн адам сага айттыбы? Ким сени мага тукурган, жана менин кунум үчүн канча төлөдү? - деген Зулфия тигил кара кийимченди карабай туруп күлгөн бойдон колун артка буруп ичке атып калды. Байкоостон атылган октон жарадар болуп, чоочуп кеткен кара кийимчендин колундагы тапанча ыргып кетти.

- Кана, мени өлтүргөнүң үчүн канча төлөй турган болду?

- Жок-жок, жан кыйба, мен эптеп жан баккан жан элем, анан...

Чынында эч кандай тажрыйбасы жок неме болчу.

- Анан эмне болду?

- Ошол...

- Анда мындай, сени азыр мен өлтүрөм, мага каршы адамдын тирүү калышын каалабайм! - Зулфия тапанчанын огу түгөнгөнчө басып-басып алды. Анан жол боюна машинаны токтоткон бойдон өзү таксиге олтуруп Бишкекке жетти да, аерден дачага такси жалдап жетип алды. Дачага келгенден кийин Эрниске телефон чалды эле, ал Зулфиянын үнүн угуп чоочуп кетти.

- Эрнис, өзүң кандай жеттиң? Мен болсо ишти өзүң каалагандай бүтүрдүм, баары жайында, эми экөөбүз жолугушчу жерди белгилеп алалы. - деди кекээр үн менен.

- Зоя эже, сиз... - Эрнис башка эч сөз сүйлөй албай туруп калды.

- Тапшырмаңды ойдогудай аткардым, эми жолугушсак менин акымды көбүрөөк төлөйсүң го?

- Зоя эже, менин колум бошобой жатат, өзүм чалам, макулбу?

- Болуптур анда, көп кечиктирбе, убакытты созо бербей, жумуш болсо бүттү, мен көпкө күтө албайм!

- Макул, - Эрнис дароо эле трубканы коюп койду.

"Акмак, мен сага боор ооруп, ичимден чыкпаса да сыртымдан чыгып өзүм чоңойтуп, аз да болсо мээрим чачып чоңойткон кызым Наргиза үчүн жашоо берип койсо... Ажалың жеткен экен, шүмшүк!" Зулфия бир жумадай күтсө да эч бир кабар болбоду, акыры ага телефон чалды:

- Ало-о, алоо, бул ким?

- Бул мен. Эрнис, мен сени чыдамсыздык менен күтүп жатам.

- Аа-а, Зоя эже, иш чачтан көп, эч бир мүмкүнчүлүк болбой жатат.

- Менин да убактым жок сени күтүп олтурууга.

- Эртең байланышам! - Эрнис дароо байланышты үзүп салды.

"Аа-а шүмшүк, эптеп жолугушууга жеткирбей мага бир оюн көрсөткөнү турат", деген Зулфия ордунан туруп күзгүгө барды да: "Алдын алышым керек, демек андан мурун мен..." - деп күзгүдөн өзүн карап бир азга турду да, өзүн жасап-түзөп алып, бекитип койгон маска менен кийимдерди алып сумкага салып үйдөн чыкты. Шаарга келип таксиге олтурду да, ээн жолго келгенде түшүп калып, шоопурга рахматын айтып кала берди.

Болжолдуу жерге келип кийимин алмашып, сумканы бир пакетке салып, билегине илип алды да, Эрнистин үйүн көздөй жай басып жөнөдү. Бул кезде күн кечтей баштаган болчу. "Дал ушул убакта келет болуш керек, кош бойлуу аялы турса", деп ойлогон Зулфия эки көзү Эрнистин үйү тарапта болуп баратты. "Наргиза, айланайын кызым, кечир мени, мен сен үчүн баарын кечүүгө даяр болсом да, бул акмак болбой жатпайбы, ким эле өлүмгө өзү барсын, сөзсүз сактаныш керек да", деп өзүнчө сүйлөнүп койот.

Аңгыча иңир кирип, көз байлана баштады. Ошол кезде шаардан келе жаткан жарык айылга карай бурулуп, бери көздөй келе жатты. Зулфия оң колунун жеңине тапанча катып алды да, андан озунуп атып жиберүүгө даярданып жатты. Машина Зулфияга бир-эки метрдей калганда ал колун көтөрө машинаны токтотту да:

- Уулум, жардам бер мендей бечара энеңе?! - деп тура калганда Эрнис токтото калып: "Бул кемпирди кайдан көрдүм эле?" - деп төшчөнтөгүнө колун салып, кемпирге тыйын берүүгө камынып калганда Зулфия сол колун суна анын далдоосуна оң колундагы тапанчаны сунуп баратып акчаны ала бермек болуп, акчаны сунуп обдулуп келе жаткан Эрнисти атып жиберди. Ошондо акырек тушка тийген октон чоочуп кеткен Эрнис сол колу менен ок тийген жерин мыкчый кармап, оң колу менен курундагы тапанчаны алганы жатканда Зулфия дагы эки-үч жолу үлгүртпөй атып жиберди эле, Эрнис онтогон бойдон:

- Ш-шур-рку-уя! Келген экенсиң да, озунуп кеттиң!

- Мен сага тийишкен эмесмин, өз убалың өзүңө! Менин кунум үчүн канча төлөмөк болдуң эле?

- Жала-ап, ш-шур-ркуя! Мен сени ит-кушка жем кылайын дедим эле-е!

- Кимдин жем болорун убакыт көргөзөт. - Зулфия артына бурулуп караңгы түнгө сиңип баратты. Ушинтип дагы бир кылмышкердин изи сууп кеткени белгилүү эмеспи.

Үч жолу атылган октун таамай тийбей калганы Эрнисти кыйнап, ал же ордунан тура албай, же кыйкырууга дарманы келбей олтурган жеринде кансырап жатты...

Үч жолу чыккан мылтыктын түнкү караңгылыкты жарган үнүн уккан Наргиза адегенде жөн гана элейе чоочуп алды да, кайра үстүңкү кабаттан ылдый түшүп келип кызматчысын ээрчитип дарбазадан чыгып тигиндейрээкте токтоп турган машинага жетип барышты. Бирок бул учурда Эрнис кансырап сүйлөөгө дарманы жок жаткан. Тез арада тезжардам чакырышып, ооруканага жеткиргенде кан көп кетип калгандыктан врачтардын канчалык аракет кылганына карабай үзүлүп кете берди. Наргиза дагы бир жолу тагдырына таарынып, өксүп ыйлап турду. Эрнистин ата-энеси Наргизаны күнөөлөгөн жок. Ага жөн гана ошол үйдө калууга макулдуктарын беришти. Анткени Эрнис ал үйдү Наргизага жаздырып койгон эле.

Зулфия үйүнө келгенден кийин көпкө чарчагандай шалдайып диванда олтурду да, ваннага кирип жуунуп чыкты. "Эми менин жолума эч ким бөгөт боло албайт, мен эркинмин, тынч жашай берем!" - деп өзүнчө кубанып турду. Анан күзгүнүн жанына келип масканы кийип көрүп: "Кудая тоббо-оо, карасаң, тим эле адам түспөлү тура, каапыр Кубан муну кайдан тапты экен?" - деп ойлонуп турду да: "Акыркы душманымдан кутулдум, мага эми эч ким тоскоолдук кыла албайт!" - деп сүйлөнүп алып, анан маска менен кийимдерди бекем бекитип, уулунун жаткан жерине кирди. Эч нерседен бейкапар уктап жаткан уулун карап коюп ашкана тарапка өттү эле, аны байкаган Бүбү:

- Тамактанып ал, кызым, баары даяр, - деди.

- Макул, эже, тамактанып алалы, чарчадым...

- Чарчабай анан... күн да абдан ысып турат.

Экөө үндөбөй олтуруп тамактанышты да, Зулфия өз бөлмөсүнө кирип жатып калды.

Ошол күнү ал укмуштуудай түш көрдү, түшүндө Жаныш аны тээ алыста туруп алып өзүнө чакырып жатыптыр. Негедир Зулфия ага сагынычы ашып-ташкандай жүгүрүп жөнөйт. Аралык алыс, аябай чарчап, күйүгүп бара жатып, ойгонуп кетти. Ордунан туруп, бөлмөнүн ичинде ары-бери басып жүрүп, анан муздак суудан ууртап эс алды да, кайрадан ордуна жатты. Бирок өзүнчө бушайман боло берди: "Бул түшүм соо эмес, кан куткарбайт окшойт, мен кокус өлүп калсам баламды, үйдү кимге табыштайм? Сөзсүз ата-энем, бир туугандарым ээ болушат дечи, алар баламды кор кылбай багып, менин керээзим менен бул үйдү чоңойгондо ага берип койоор?" Зулфия ушуларды ойлонуп жатып таң атып кетти. Эрте туруп эч бир көңүлү келбесе дагы тамактанбай туруп машинасын айдап дарбазадан чыгып кетти. Ал шаарга келип жол боюндагы эң ири жана кымбат кафелердин бирине кирип эртең мененки тамагын ошол жерден ичүүнү туура көрдү. Көңүлү уйгу-туйгу: "Арман ай, чын эле менин да кезегим келип калдыбы? Балким ар бир мүнөт сайын менин ажалым да аңдып, күтүп жаткан чыгаар? Мени эми ким билиши керек. Акыркысы Эрнис деп ойлободум беле, же дагы менин артымда кара көлөкөдөй ээрчиген бирөө барбы?" Ал эки жагын сырдуу карап алып, анан алдына келген тамактан алып аста жей баштады. Кафеде бардыгы жаштар болчу, Зулфияга көңүл бурган эч ким жок.

Бир кезде анын жанына тээ баягы-ы пивоканада жолуккан жигит келип олтурду да, өзүнө заказ берип, Зулфияны байкамаксан болуп олтурду. Аны байкаган Зулфия: "Мүмкүн ушул болсо керек, бул кокусунан жолугуу эмес, сак болуш керек!" - деп ойлонуп тамагын жарым-жартылай түгөтүп ордунан туруп кетип калды. Машинага келип олтурду да, дачага жөнөдү. Ал шаардан чыгып дачаны көздөй бурулганда артында чоочун машина келе жатканын көрүп токтотуп, машинанын алдыңкы капотун ачып караган болуп туруп калды. Тигил чоочун машина өтүп кетти. Көпкө машинанын капотун ачып коюп эки жакты байкап туруп, анан үйүн көздөй жөнөдү. Ал дарбазага жакындай бергенде жанындагы телефондун музыкасы белги берип калды.

- Да, да, угуп жатам, бул ким экен?

- Уксаңыз жашыруун тапшырма боюнча, байланышты үзбөңүз, мен сизди частный мейманкананын жанынан күтөм! Эртең саат беште, - деди да, байланышты үзүп салды.

"Частный мейманкана тааныш, бирок аны Кубан гана билчү, Эрнистин билген-билбегени табышмак, ким болушу мүмкүн? Балким бул менин ажалымдыр, түшүм да соо эмес...?"

Зулфия ал түнү эч кирпик какпады. "Кандай тапшырма, мени билген адамдын акыркысы Эрнис эмес беле? Өмүрдүн кызык, сонун учурун Жаныш менен өткөрдүм, болгону ортобузда бала болбогонунан ушул тагдырга туш болдум... Наргиза кантти экен бечара, адрести да жакшы билбейт тура, болбосо келет беле?"

Таң аппак атты, бирок Зулфия уйку көрбөй таңды тосту, таңдын атышы, күндүн шоола чачыратып чыгып келе жатышы эмнегедир Зулфиянын суктануусун арттырып, ал бул жашоого тойбой турду: "Аттиң, тагдырым ушул тура, эмнеге адам өлтүрдүм???" Анын бүт тулкусу өзүнүкү эместей ооруксунуп, жандүйнөсү сыздап турду. Ал үчүн күн өтүп, убакыттын өтүшү кыйын болду. "Канткен менен кайраттуу адам азапка да, өлүмгө да тике карап, ноюбаш керек!" Зулфия ушинтип ойлоп анан: "Канчаны жайлаган бул колум менен балким аны да оңтою келсе жайлап коюшум мүмкүнү... Же жөн эле тапшырма берээр?"

Күн ылдыйлап, узун күндө саат беш эрте эле көрүнөт эмеспи. Зулфия бейтааныш адам менен жолугушууга даярданып жатты. Мына, саат төрттү көргөзгөндө үстүнө кара узун плащ кийген Зулфия үйүнөн чыгып, таксиге олтурду да, болжогон жерге барды. Эч кандай шектүү эч ким жок, көзүндөгү көзайнегин алып, эки жакты карап бир аз турду эле, чөнтөк телефону чыр этти.

- Алоо, угуп жатам.

- Такси менен келдиңизби?

- Ооба.

- Болбойт, өз машинаңызды айдап келиңиз да, ушул жерге келип мени күтүңүз!

- Макул, мен ким менен байланышып жатканымды билбейм, кантип күтөм?

- Сизди мен тааныйм, өзүм жолугам.

- Макул. - Зулфия кайрадан такси кармап үйүнө келди да, машинаны айдап чыкты. Сансыз ойлор аны арбап алды. Ал келгенде анын жанына узун бойлуу, алибеттүү кара шляпачан жигит пайда болду да: "Манас аэропортун көздөй айдаңыз! - деп кайра-кайра: - сиз бул машинанын артынан ээрчиңиз!" деп туура жактагы кара "жип" машинасын көрсөтүп коюп басып кетти. Зулфия "бул адамды кайдан көрдүм эле, тааныш өңдүү сезилет, бир кезде жолуккандаймын?" - деп ичтен ойлоп коюп машинага олтуруп айдап жөнөдү. Ал азыр баарына даяр, кофтанын ичинен шымдын белине тапанчаны октоп туруп оңтойлоп алган: "Кичине эле шек билинсе атып салам", деп ойлоп жатты.

Ээрчишкен эки машина Манас аэропортундагы ээн жерге жетип токтоду да, "жиптен" жалгыз гана алиги жигит түштү, "мерседестен" Зулфия түшүп, кылт эткенди байкап турду.

- Сиз азыр бул машинага олтурасыз да, Кыргызстан менен Казакстандын чектеш жерине барасыз, ал жерден клиенттерге жолугуп товарды берип кайра келесиз! - деди тигил.

- Товар кайда?

- Машинада.

- Жарайт! - Зулфия машинага олтуруп жөнөй бергенде:

- Сизди мен эртең менен жанагы жерден күтөм! - деди да, Зулфиянын машинасына олтуруп жүрүп кетти.

Зулфия чегарага жеткенде аны ырас эле төрт машина күтүп жаткан экен. Ал келип токтогондо аны көздөй бири келди да, машинанын артында турган дипломатты карап коюп:

- Сиз тигил машинага олтуруп жөнөй берсеңиз болот, сыртта байкагандар бар, ошон үчүн дипломатты алып чыгууга болбойт! - Зулфия машинадан чыгып көрсөткөн машинага олтуруп жөнөй бергенде анын артынан эки машина кууп жөнөдү. "Сатып коюшкан экен", деген Зулфия абдан катуу айдап жөнөдү. Улам шаардын көчөлөрүн алмаштырып олтуруп күүгүм киргенде артында куугундун адашып калганын байкап жай айдап чоң көчөгө чыга берээрде кайрадан куугун пайда болду. Аны көргөн Зулфия чоң жолго чыкпай кайра бурулуп бир көчөгө кирди да караңгыдан пайдаланып машинаны токтотуп арттагы дипломатты алып түшө качып караңгы көчөлөр менен жүгүрүп баратып бир бузулган үйдүн короосуна кирип андан ары дагы бир үйдүн короосуна өтө качты да, андан жолго чыга жөнөдү. Тигилер аны бузулган үйдүн ичин тинтип издеп жатышты, машинаны карап көрүшкөндө анда Зулфиянын кол сумкасы, анын ичинде маска гана бар болчу...

Зулфия эптеп бир таксиге олтуруп кетип жатканда алдынан чыга калган Камаз машинаны уруп кетти. Машина жол жээгинен бир топ алыс учуп барып көмөрүлүп калды. Заматта МАИнин кызматкерлери толуп кетип Зулфия менен шоопурду ооруканага жеткиришти. Машинадан чыкканда эле Зулфия эсин жоготуп койгон. Анткени Камаз урганда анын башы катуу тийип, төбөсүнөн кан кетип турду. Ооруканадан ага эч кандай жардам берүү мүмкүн эмес экенин айтышты. Анткени анын буту, колу сынып, жүрөгүнөн катуу урулган экен. Дем алуусу кыйындап эч кимди тааныбай үч күн жатты. Үчүнчү күнү кичине эсине келген Зулфия:

- Апа, апа, апам барбы? - деди.

- Ооба, айланайын, мен мындамын. Көзүңдү аччы, кызым.

- Апа, эшикти ачып койчу, аба жетпей жатат, апа, мен адам болбойм, мени тигил босогодо Жаныш күтүп турат, ал ээрчитип кетем деп жатпайбы...

- Садагаң болоюн, дөөрүп жатасың го, кана эч ким жок!

- Жок, апа, мен абдан күнөөлүүмүн, Жанышты мен өлтүргөм... Анын башы менин эски үйүмдүн подвалында!

- Ок, эмне дейт, ботом! Эл укпасын, - Зулфиянын апасы эшикти жаап коюп кайра жанына келди.

- Апа, Закини жакшылап чоңойтуп, калган үй менен менин дүйнөмдү ага бергиле!

- Жаманды ойлобо, кызым.

Зулфия ушул тушта дагы эсин жоготуп койду, ысытмасы көтөрүлүп, ого бетер алдастап дөөрүп кирди.

- Жаныш, койо турсаң эми, мурда таштап кеткенсиң, эми таштай көрбө-өө! Аа-аа, Анипа, сен дагы мага тоскоолдук кылган жатасыңбы, жо-ок, мен эми сага Жанышты бербейм! Сен Кубанды таап ал, уктуңбу, таап ал!

Өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан Зулфиянын бүт денесинен тер кетип алсыз дем алып жатты. Көптө барып көшүп уйкуга кетти. Апасы да, сыртта турган туугандары да врач менен сүйлөшүп көрүп, үйгө алып кетүүнү чечишти. Чынында Зулфиянын тамыры зорго согуп калган эле...

Айылга келгенден кийин Зулфия үч күн ар кайсыны сүйлөп жатып, үчүнчү күнү түштөн кийин көз жумуп кете берди. Муну уккан Наргиза ботодой боздоп барды. Бирок аны Зулфиянын барындагыдай эч ким тосуп албады. Зулфиянын сөөгүн жерге берип куран түшүргөндөн кийин Наргиза барган машина менен шаарга кетип калды. Ал ыйлап, өз энесин жоготкондой боздоп баратты. Анткени аны Зулфия өз энесиндей аз да болсо асырабадыбы.. Ошентип кримдүйнөнүн аялдардан чыккан бир өкүлү эч кандай кылмышы билинбей жарык дүйнө менен коштошуп кете берди...

Анын эмне иш жасап, кандай жашап келгени ата-энесине да табышмак бойдон калды.

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз