Айгүл ШАРШЕН


Молдокенин кыянатчылыгы


Бейшен медресени бүтүп келгенден кийин Нарын областына караштуу айылдардын бирине молдо болуп барды. Жаш, билимдүү жигитти мечиттеги молдолор сыйлап турушат. Ошол учурда кайра куруунун шарапаты менен тубаса көзү ачыктар, молдолор көбөйүп, "баланча айылда түкүнчө көзү ачык чыгыптыр, түкүнчө деген тубаса молдо баардык ооруну окуп эле айыктырат экен", деген сөздөр күндөн күнгө күчөп турган: "Кантсе да билимдүү да, кыйын экен", дешип айыл ичинде кадыры көтөрүлө баштады. Ошол кезде Бейшен күчкө толуп, алдына келгенди ажыдаардай аңтарып турган кези. Анын молдолордон айырмаланып турган айрыкча бир өнөрү бар эле: ал кыз-келинди көргөндө жантыгынан кетип, көздөрү карышкырдын көздөрүндөй эле кызара калчу. Кокус өңдүү-түстүү кыз-келиндер дем салдырганы келип калса, ал ар убак түнкүсүн дем салаарын айтканда кээси келип молдонун кайырмагына илинип, уятынан үйбүлөсүн сактоо үчүн ичи-жигин билгизбей калса, кай бири ага чындап эле берилип алчу. Кээ бир молдолор анын түнкүсүн дем салаарын угуп, анын өзүнөн сурашканда, ал: "Жылдыз толгондо аалам сырларынын баары жылдыздардын айланасына топтолот да, баардык оорулардын шыпаасын берет", деп жооп берчү. Аны уккандар ого бетер анын сөзүнө муюп, ишеничи күч болуп калаар эле.

Бейшен ал айылда мечитке жакын молдонун бир бөлмөсүндө тура турган. Бойдок болгону менен ал сыртынан караганда токтолуп калгандай өтө салмактуу көрүнүүгө аракет кылчу. Молдолук милдетин аткарып, пенделик парызы болгон беш убак намазын окуп эл ичинде карылуу болуп күндөн күнгө амалы да өсүп жатты. Ошондой күндөрдүн биринде ошол айылдын этегинде жашаган Садыктын аялы Бүбүнүн башы ооруп чабалактай баштады. Ал өзү мугалим болгондуктан молдо-кожого ишенбей турган, врачка барып дарыланып көрдү, бирок эч айла болбой койду. Ошондо күйөөсү:

- Бүбү, сен мына бул эле Бейшен молдого көрүнсөңчү, жакшы экен деп жүрүшпөйбү, - дегенде аргасыз жан айласы табылаар бекен деген ойдо молдого барды Бүбү.


Бүбү барганда Бейшен намаз окуп жаткан экен. Бираз күтүп турду эле, намазын бүтүп чыга келди.

- Жакшысыңарбы? - Бүбү илбериңки учурашты. Бүбү келбеттүү аял эле. Көзү-башы жайнап, өзү толугунан келген аялды Бейшен кайдыгер карай албады. Написи бузулуп, ичинен кымылдай көзүн сүзө:

- Олтуруңуз! - деди. Бүбү анын бетмаңдайына олтуруп калганда, Бейшен теспесин ары-бери салдырып, оозун кыбырата күбүрөп дуба айтып олтуруп: - көптөн бери ооруп жүрөсүзбү? - деди көз кыйыгын сала.

- Бир айдай болуп калды, башым эле ооруйт.

- Сезгенип ооруган экенсиз, катуу дем салып, анан жылдызга суу коюп сезгентип коюш керек, бат эле сакайып кетесиз.

- Оозуңузга май.

- Анда мындай, менин айткандарымды толук аткарасыз, азыр дем салам, анан түнкү саат он экиден өтүп жылдыз толук асманга толгондо келесиз, жылдызга суу коюп өзүм сезгентем да, түнү менен дем салам.

- Күндүзү эле дем салсаңыз жакшы болот эле, эмчекте балам бар эле.. .
Урматту окурман сизден сураныч томонку жарнамалык блокго басып,рекламодательдин сайтына отуп коюнузчу!!!Алдын ала чоон ыраазычылык

- Күндүзү дем салганда деле болот, м-м.. . , бирок кайра кармай берет да, өзүңүз билиңиз!

- Мм.. , мен көрөйүн анда, күйөөмө айтып.. . - Бүбү андан ары айталбай акырын чыгып кетти.

Үйүнө келгенден кийин Бүбү күйөөсүнө молдонун айткандарын айтты эле, ал макул болду.

- Көбүнчө түндөсү дем салат экен ал молдо, сакайып кетсең болду да, анын эмнесинен коркуп жатасың?

- Корккон деле жокмун, түнкүсүн дем салганы кызык?!

- Кызыгын эмне кыласың, өзүң кыйналган оорудан арылсаң болду да.

- Ошентсе ошентейин.. .

Бүбү кеч киргенде тестиер уулун ээрчитип алып барды. Чыдамсыздык менен күтүп турган Бейшен Бүбүнү бөлмөсүнө киргизип олтургандан кийин:

- Даарат менен келдиңизби? - деп сурады.

- Ооба.

- Да-да-аа, келиңиз колуңузду бериңиз.

Бүбүнүн апаппак толук келген жумуру билегинен кармалап тамырын көрүп жаткандай көздөрүн жумуп, көпкө олтурду да, экинчи колун кармап туруп оозун кыбырата дем салып жатты. Бүбүнүн баласы олтурган жеринде уйкуга кирди.

Бейшен көптөн кийин ордунан туруп чыныга суу куюп сыртка койду да, кайра кирип Бүбүгө:

- Сиз чечинип, жоолугуңузду алып сыртка чыгыңыз, - деди.

- Эмнеге?

- Жылдызга суу койдум, төбөңүздү сезгентем!

- Мм-м, жоолугумду эле алып турсамчы?

- Жок, болбойт! Анткени ар бир мүчөңүздү сезгентем.

- Макул, - Бүбү башын жылаңбаштанып, анан көйнөкчөн болуп чыкты.

Бейшен чыныдагы сууну алып келип Бүбүнүн башына чачып, эски кийиз менен ар бир мүчөсүнө тийгизгенден кийин:

- Үйгө кириңиз! - деди. Бүбү үйгө киргенден кийин: - Бүт кийимиңизди чечип көмкөрөңүздөн жатыңыз, - деди теспесин кармап олтуруп.

- Эмнеге?

- Сурабай аткара аласызбы? Денсоолук керекпи сизге?

- Керек үчүн айтканыңызды аткарып жатпайымбы!

- Анда дагы аткарыңыз! Массаж жасайт алланын периштелери.

- Корком.

- Эч коркпоңуз, билгизбей массаж жасап кетишет, үч күн ошентесиз да, каксыз айыгып кетесиз!

Бүбү аргасыз ички бөлмөгө кирди да, чечинип көмкөрөсүнөн жата кетти. Тээ көптөн кийин гана Бейшен өзү да чечинип алып анын жанына барды да, акырын массаж жасай баштады. Бүбү адегенде денеси үркүп ордунан тура калгысы келди, бирок ал жан кейиткен баш оорудан арылгысы келип унчукпай жатып калды. Бейшен Бүбүнүн башынан баштап массаж жасап эки ийин менен желкеге, андан эки сооруга жетип, капкараңгы бөлмөдө булайган аппак дене анын бүт эркин бийлеп алып, делебесин козутуп жиберди белем, соорусунан ылдыйлаган сайын өзүн кармай албай өзү анын үстүнө аста жатып алып далысынан ылдый сылап келип дароо аны чалкасынан оодарды да, эмчектерин кармалап туруп, дароо эле ишин баштап жибергенде Бүбү да баятан бери эркектин денеси, колдору тийип зорго турду эле, үндөбөй кабыл алды да: "Мунун жылдыз толгондо дем салганынын сыры ушунда тура, кыйын молдо эле эмес, төшөк жагынан дагы укмуш тура!" - деп өзүнүн акышын тартуулай баштады.

Каршылык көрсөтүүнүн ордуна ырахаттана акыш көрсөтүп жаткан келинге ыраазы боло, молдокең арам терин чыгарып жатты.. .

Эртеси Бүбү баласын жетелеп таң заардан үйүнө келди. Өзүнчө кандайдыр бир нерсеге ыраазы болгондой башы да басылып калыптыр, демдин касиетиби же төшөктө жакшы ойной албаган күйөөсүнүн күнөөсүбү, башы жетпей ичинен сызып:

Мындай катуу молдо экенин сезген эмесмин, көрсө молдонун деминин да касиети бар тура?! - деп күйөөсүнө: - сен айтпасаң дагы да врачтардын эшигин жыртып, бирок жан кейиткен оорудан кутула албай жүрө бермек экенмин, - деп ыраазы болуп жатты.

Ошондон кийин дагы үч жолу дем салдырып, Бүбү кадимкидей болуп кетти. Ушул сезгентүүнүн, анан да дем салуунун аркасында жакшы болуп калды. Бүбүнүн күйөөсү Садык эч нерседен шек албай эле аялынын сакайып кеткенине кубанды. Ого бетер Бейшен молдо жөнүндө айылда аңыз болуп жатты.

Бейшен өзү жөнүндө болгон мактоо сөзгө ого бетер көтөрүлүп, кадыр күткөнү менен баары бир кыз-келинге көз артканын койбоду. Кээ бир кыз-келиндер Бейшенге өздөрү көз артып тийише кетишсе, кээси: "Такыба молдо болсо кантип чектен чыксын", дешип канчалык көңүлү түшсө да тартынаар эле.

Каныш келин болуп келген боюнча төрөй элек. Күйөөсү канчалык Канышты сүйгөнү менен 4 жыл өтүп, боюна болбой жатканына аны күнөөлүүдөй сезип, боюн ала качып калды. Ан сайын Каныш көзүнүн жашын көл кылып молдо-кожого барып, врачтарга көрүнүп жүрдү. Акыры ушул Бейшен молдого барып дем салдырып көргүсү келди. Бейшен молдо аны көрүп эле кайдыгер боло албады. Жаш, бирок анча-мынча сепкили болгону менен өзү жылдыздуу келин эле. Бир аз каратору кымча бел, бой мүчөсү келишкен келинди торуна түшүрүүгө аракетин аяган жок. Биринчи эле күнү ал молдого келип дем салдырды. Бейшен дем салып бүткөндөн кийин Канышка мындай деди:

- Карындаш, эгер мүмкүнчүлүгүң келсе түнкүсүн жылдыз толгон кезде кел, ошондо дем салам, ошол кезде кудаанын кудурети менен алла таала ырайым кылса периштелерин жиберип жышаана берет. Балалуу болгуң келсе сөзсүз түнкү демди салдырышың керек! - деди көз кыйыгын сала келинди сынай карап. Каныш ошол эле айылдан болчу. Ошол күнү ал күйөөсүнө таарынып үйүнө кетип калды. Күйөөсү ага өз оюн гана айтып койгон, ошого таарынып кеткен. Ан анын шылтоосу эле: "Эптеп молдого дем салдырып балалуу болсом", деп ойлоп кечинде молдого келди. Андай кылбаса күйөөсү аны молдого түндөсү жибермек эмес, кызганмак. Бейшен ага кадимкидей эле он экиден кийин дем салып олтурду. Бир сааттай дем салып үргүлөп олтурган соң, ал Канышка буйруду:

- Азыр ички үйгө кирип кийимдериңди чечинип жатасың. Ошондон кийин алланын буйругу менен периштелер келгенде боюңду жыйрыбай кабыл алсаң сага бир ылаажы болот.

Каныш азыр молдо эмне десе да даяр эле. Ага эмнеси болсо да балалуу болсом деген ой келип жаткан.

Бейшен шашпады, даарат алып, түнкү намазын окугандан кийин көптө барып өзү да дырдай жылаңач болуп Каныштын үстүнө кирип барды да, сылап-сыйпап, бүткөн боюн ушалап, анан анын эки эмчегине жетип, аны эзе кармап дем чыгарбай бир топко ойноп жатты. Каныш үндөбөдү, жөн гана анын ою менен болуп жата берди. Акыры экөө тең махабат майданына аттанышып, ойда-а бир кумардан чыкты бейм, шалдайып жатып калышты. Бейшен Каныштан:

- Күйөөңөн ырахат аласыңбы? - деп сурады.

Билбейм, бирок бүгүнкүдөй сезимге кабылган эмесмин.. .

- Анда сен күйөөң экөөң жөн эле жүргөн турбайсыңарбы. Турмушта бир-биринен ырахат албаса балалуу болуш өтө кыйын, - деди Бейшен айткан сөзүнө өзү корстон боло.

- Ырас айтасыз, мен андан эч бир бүгүнкүдөй ырахат алганды билбепмин, ал деле өзүнүн ишин бүтүрүп алып жатып калчу.. .

- Ошон үчүн балалуу боло албай жүргөнсүңөр да.

- Мм-мүмкүн, ошондой болсо керек. Эми боюма болуп калса.. . күйөөмө окшобой калса кантем?

- Башкысы, боюңа бүтүшүн тиле, анан көрөсүң.

- Ырас эле, туура айтасыз! - Каныш Бейшен молдого кудайындай эле ишенип калды.

Төркүнүндө бир айга жакын жүрүп калган Канышты күйөөсү келип алып кетти. Бул учурда Каныштын боюна бүткөнү белгилүү болуп калган эле. Анткени тамак-аштын жытынан жүрөгү айланып кускусу келгенинен эле билип калып, сүйүнүп жүрдү. Күйөөсү да бул кабарды угуп абдан кубанып, Канышка оор жумуш жасатпай өнтөлөп калды.

Ал эми Бейшен молдо менен жолугушкусу келгенде ал сөзсүз бир-эки күнгө суранып, ата-энесиникине баса берет да, секстин атасын таанытып, моокуму кана үйүнө барып калат.

Каныш күйөөсү менен Бейшен молдону кыялында салыштырат, анан аны эңсейт. Дагы бир шылтоо таап, Каныш атасыныкына кетип калды да, Бейшен молдо менен ырахатка батууну ойлоп кеч курун эл аягы суюлганда анын бөлмөсүнө кийин барды. Аны көргөн молдо дароо келиндин каалоосун аткарууга белсенип олтурган ордунда басып жыгылды. Бул жолу такыр башкача секс оюнун ойношту. Адегенде Бейшен Каныштын үстүнө чыгып алып жалынычтуу шыбырап, моюн-башынан баштап бүткөн боюн кармалап, өөп келип, соорусуна келгенде эки жамбашты бекем кучактап алып колу менен жанжерин түрткүлөп кирди. Каныш ушул кезде тыбырчылап чыдай албай:

- Жаным.. . салчы эртерээк, өлтүрө турган болдуң го?! - деп жалынып жатты.

- азыр, жаным, азыр, шашпа, бүткөн боюң жибип, эрий турган учурга туш болгондо салсам мен да, сен да ырахаттанып эс алып калабыз. Дүүлүгүү канчалык узак болсо, ырахат алуу ошончолук жакшы болот, - деген Бейшен Каныштын үстүндө жатканы менен жөн гана аны дүүлүктүрүп көпкө жатып, анан тигинисин Каныштын болжолдуу жерине салып жибергенде ал онтоп жиберди да, эки жамбашын ары-бери экчеп жалынып жатты. Ошол күн алардын акыркы жолугуусу болду. Анткени артынан келген күйөөсү Канышты үйүнөн таппай калып күтүп жатканда келип калды. Аны көрүп эле кайсалактай түшкөн Каныш:

- Алманын үйүндө олтурдум.. . - деп калп айтып жибергенин өзү билбей калды. Күйөөсү үндөгөн жок, болгону ага ишенип жаман ой ойлободу. Каныш ошол бойдон жазгыра албай калды. Күндөн күнгө ичи да чоңоюп бараткан. Турмуштун ачуу-таттуусун бирге татып жашоонун ырахатын бирге көрөлү деген жубайлар ошондон баштап эки бөлүнүшпөдү. Бейкүнөө наристе гана караңгы түн күбө болгон күндөн баштап эненин курсагында бейкапар тепкиленип жарыкчылыкка чыгууга ашыгып тыбырчылайт. Бейшен менен болгон таттуу күндөрүн көз алдына келтирген Каныш гана сырдуу жылмаят.

*** *** *** *** *** ***

Азат үйлөнгөндөн бери аялы экөө бири бирине өйдө карап сен-мен дешкен эмес. Гүланда чындыгында аябай сулуу эле. Чебер сүрөтчү атайлап кооздоп тарткан сүрөткө окшоп карап эле тура бергиң келчү. Азат аны жүрөгү менен берилип сүйгөн эле, анын колун сууга тийгизбей кир-когун өзү жууп, баласын сооротуп көп аячу.

Ошентип баласы алты айдан өтүп калганда Гүланда капысынан ооруп калды. Катуу ооруду. Азат коркуп үйүнө врач чакыртып көргөздү эле: "Ооруканага жатыш керек", деди ага врач. Эки айдан ашык ооруканада жатканда Азаттын эки буту оорукана менен үйүнүн ортосунда калды. Баласын эмизгени алып келет, тамак-аш ташыйт. Айтоору жаны тынбай жүгүрүп жүрөт. Бирок Гүланда жакшы болбой эле күндөн күнгө ооруган жери деле билинбегени менен тамакка табити тартпай, ичкенин кусуп туруп алды. Азат акыры Гүланда менен кеңешип көрдү. Молдону укканда ал бир эсе чоочуп ишенкиреген жок.

- Илимдүү, билимдүү врачтар койо албаган диагнозду кайдагы эле бир молдо коюп айыктыра алмак беле?

- Кызык, анын да илими бар да, ал молдо чынында окуп келген, айылдык молдолордон эмес.

- Мейли, көрөйүн, айла жок денсоолук керек, - деп Гүланда макул болду да, ооруканадан чыгып алды.

Азат адегенде Бейшен молдого Гүланданы өзү ээрчитип барды. Бейшен молдо Гүланданы бир көргөндө эстен тана талыгыдай карап турду да:

- Олтуруңуз! - деди.

- Аба, дем салып бериңиз, келинчегим болот менин. - Азат Бейшен молдого табыштады.

- Жарайт, дем салабыз, бирок ар бир шарттарын аткарышыңар керек, иншалла!

- Аткарбай анан, сакайып кетсе эле болду.

- Сакайып кетет, ишенимиңерди жоготпогула. Ээ алла, көзүгүп ооруган тура!

- Көзүккөнү кандай? - Азат түшүнбөгөндөй таң кала сурады.

- Кирине кирип, ашынып кеткен, сулуу кызга адамдын назары түшсө ошентет! - Бейшен Гүланданы карап: - Балаңар барбы? - деди.

- Ооба, бир балабыз бар.

- Жакшы-жакшы, .

Ошондон баштап Азат өзү ээрчитип келип дем салдырып жүрдү, кичине жакшы болуп, тамак сиңирип калганда Бейшен:

- Эми жакшы болуп калдың, өзүң эле келип тур, күйөөңдү убара кылбай, - деди. Азат да өзүн башкача сезип: "Кой, чын эле күндө ээрчип бара бербей өзүн эле жиберейин, уулумду карап үйдө эле олтурайын", деп ойлоп, Гүланданын өзүн жиберди.

Жети күн болгондон кийин молдоке Гүландага мындай деди:

- Эми жети күн дем салып бүттүм, эртеңден баштап түнкү демди сала баштайм, жети күн түнкүсүн салам, - деди.

- Түнкүсүн келе албайм го, - Гүланда ага макул эместигин билдирди.

- Эмесе өзүң бил, бирок каксыз айыга элексиң да, бир аз убакыттан кийин кайра кармашы мүмкүн.

Гүланда үйүнө келип Азатка айтты эле, ал дагы ай-асмандан кетти:

- Молдонун түндө дем салганын угуп көрбөптүрмүн, менин чоң атам деле молдо болчу, бирок түндөсү дем салчу эмес.

- Жакшы айыга элексиң деп жатпайбы.

- Анда салдырсаң салдыр, чын эле дурус болуп калганда кайра ооруп калба.

- Мен да ошондон коркуп атам, болбосо.. .

Ошентип экөө кеңешип Бейшен молдого түнкү демди салдырганга макул болушту.. .

Биринчи түн. Гүланда бараары менен Бейшен башына ак селде оронуп олтура калып дем салып кирди. Көпкө окуду. Оо түн бир убак болгондо ал Гүланданын колун алып тамырын кармап кирди. Гүланда этин жыйрып, бирок унчукпай олтурду. Бейшен бир топтон кийин:

- Чечин! - деди.

- Эмнеге?

- Эмнеге болмок эле, эми жети күн түнкүсүн дал ушинтип дем салам, анткени жылдыз толгондо дене жылаңач болсо асмандан периштелер келип өздөрү дарылашат.

- Чечинбей эле койойунчу, ушундай эле дем сала бериңизчи.

- Болбойт, менин дем салганым сага тийбей калат, түнкүсүн окуй турган дуба жылаңач денеге гана окулат.

- Ий, аба, уялып атам.

- Уялба, мен көзүмдү жумуп турам.

- Макул, - Гүланда кийимин чечип Бейшендин маңдайына чөкө түшүп олтура бетин басып алды. Көпкө чейин билмексен болуп окуп жаткан Бейшен молдо бир маалда Гүланданын колун кармап билегине колун алып барды. Улам колун кармап олтуруп ийинине, анан далысына жеткенде келиндин бүткөн бою чымырап жаман абалга туш келди. Бейшен аны сезди да, оого бере массаж жасаган болуп бүт денесин кармап мыжыга баштады, Гүланда ошол маалда шар ордунан тура калып:

- Уят эмеспи, бул эмне кылганыңыз! - деди да, кийимин кийе баштады.

- Токто, токто, бир аз олтура турсаң өзүңө жакшы, - деди да, Бейшен аны кийимин кийгизбей кучактап жыгылып, дароо эле ишке киришти. Гүланда аргасыз үндөбөй жатып берди. Бейшен болсо жан-алы калбай Гүландага жалынып-жалбарып жатты:

- Жаным, жанагы шөлпөйгөн күйөөңдү ташта, күн тийгизбей багып алам, карачы, сенин сулуулугуң дагы экини төрөгөндөн кийин жоголот, ал сени жыргатпайт деле го, же төшөктө же жашоодо жыргатпаса анын эмнеси күйөө?

- Ал өзүмдүн ишим, алдап айыктырам дегениң ушулбу?

- Ачууланба, алтыным, сугум түштү, жок дебе, жок дегенде бүгүнкү күнүңдү мага арнасаң бактылуу болуп калайын, баары бир дем салдым да, негизи түнкү дем жакшы.

Бейшен молдо Гүланданын бүт денесинин чолоосун калтырбай өөп, эрибеген жерин эритти. Негедир Гүландага анын төшөктөгү оюну жагып калды: "Азат болсо эркектик милдетин аткаргандан кийин эле быр-быр этип уйкуга кирет, мында да бир сыр бар тура!" - деген Гүланда ойлонуп калды.

Жети күн, жети түн дем салдырып, Гүланда жакшы болуп калды. Бирок денсоолугу жакшы болгону менен көңүлү кирдеп, мурдагыдай Азат менен жадырап сүйлөшпөй түнт тарта баштады. Бир күнү ал өзүнчө эле буркан-шаркан түшүп ыйлап олтуруптур.

- Ээ Гүкү, сага эмне болду? - деди Азат жумуштан келип чоочуп кетип.

- Эмне болмок эле, баланы апама берип, мен иштешим керек!

- Ал эмне дегениң, али бала жаш да, кичине чоңойсун анан иштейсиң.

- Жок, сенин апаң бакпаса өзүмдүн апам багат.

- Кой, Гүкү, эсиңе кел, жаш баланы эмитен эмчектен чыгарганда болбойт, - Азат Гүланданы эркелетип, ал күнү сооротуп койду.

Бирок Гүланда баланын ыйлаганына да көңүл бурбай, мээрим төгүп эркелеткенин койду. Ойлуу болуп баратты. Ошол күнү да Азат жумуштан чарчап келген, кирээри менен эле Гүланда буркулдап ыйлап кирди:

- Мен эмитен эле бала басты болуп каламбы, менин сулуулугум бат эле жоголуп, кемпирге айланам го минтип олтурсам, күйөөгө тийгенден кийин эле үй күчүк болуп калат турбайбы аялдар, мен ага көнө албайм!

- Эмне болуп кетти, эки күндүн биринде эле ушинтип чыр чыгара берчү болдуң да?

- Ооба, мага жин тийди, анткени мен сенден биротоло кетем, уктуңбу, биротоло!

- Гүкү, сен муну терең ойлонуп туруп айтып жатасыңбы?

- Алда качан эле ойлонуп койгом, мени менен ишиң болбосун!

- Эмне дейсиң? - Азат ачуулана жаакка чаап жиберди.

Гүланда жаагын баскан бойдон көзүнүн жашын салаалатып олтуруп калды. Азат сыртка чыгып ойлонуп кыжаалат болуп: "Муну бирөөлөр бузуп жаткан болуп жүрбөсүн?" - деген ойдо дароо үйгө кирди.

- Гүкү, мени кечирип кой, бирок айтчы: сен бирөөнүн тилине кирип жүрөт окшойсуң? Билесиңби, биз сүйлөшүп жүргөндө кандай кыялданчу элек, уулдуу болсок мага, кыздуу болсок сага окшош болсо, анан алар акылдуу болуп чоңойсо дечү эмес белек? Мына минтип тилегибизди берип уулубуз мага окшош.. . Эмнеге минтип жатасың, билбейм.

Гүланда үндөбөстөн отура берди. Азат аны эркелете кучактап өөп, таарынычын жазууга аракеттенди эле, ал дулдуюп сүйлөбөй тескери карап жатып алды. Эртеси Азат жумуштан келгенде үйдө кайненеси олтурган экен. Гүланда болсо кийим-кечесин салыштырып жаткан. Уулу Бектур болсо эч нерседен бейкапар бу-буу-лап ойноп отурат. Азат кайненеси менен учурашты да, Гүландага карады.

- Гүкү, бир жакка барасыңарбы?

- Ооба, биротоло кетип жатам. Баланы алсаң азыр алып кал, болбосо апам багат, мага эч нерсенин кереги жок!

Азат эмне дээрин билбей столго көчүк басты, ичтен түтөп кайненесин карап:

- Апа, Гүкүнүн бул кылганы эмнеси, жылаан чакпай, жылкы теппей кетем дегенине жол болсун, бала болсо жаш.. .

- Балам, менде эмне айла, менин тилимди алса кана, көп болду мунун кетем дегенине, зорго тыйып келдим, айтканынан кайтпаган кыялы кармап калган тура, эми алым жетпей калды, өз убалы өзүнө! - Гүланданын апасы жер карады. Аңгыча Гүланда алчусун алып бүтүп, Азатты карады:

- Менин убактым тар, Азат, баланы бага аласыңарбы же? Мен үйгө барбайм, дароо эле Россияга кетем!

Азат намыстана түштү.

- Колу-жолуң бош, кете берсең болот, баладан кабатыр болбо, өзүм эле багам!

- Ай балдарым ай, жакшынакай эле жашап жаттыңар эле, көрө албастын көзү тийдиби, же жамандын сөзү тийдиби, билбейм.. .

Гүланданын артынан бараткан апасы сүйлөнүп кетип баратты.

Азат баласын бооруна кысып, терезеден карап турду. Гүланда апасына да карабай тээ жолдун аркы өйүзүндө токтоп турган "жип 100" маркасындагы машинага олтуруп жөнөп кетти. Гүланданын апасы болсо көптөн кийин аялдамага барып олтуруп калды. Булардын баарын терезеден карап турган Азаттын жүрөгү ооруп чыкты. "Өз

энесине кайрылып коштошуп койбогон неме кимди жыргатмак эле?" - деген ойдо шарт артына бурулуп эч нерседен бейкапар бышылдап уктап жаткан уулун шор-р эте жыттап койду да, үй ичине көз салды. Үйдүн ичи ушул мүнөт анын көзүнө суук көрүндү, эч нерсе жок бош аңгыраган үйдөй сезилди. Кайрадан уулун карады, бейкапар көшүлүп уктап жатат, эми эле ойгонгондо эмчек издеп ыйлаарын ойлогондо Гүланданын мерестигине жини келди да, уулун бекем кучактап жүзүнөн сүйө көзүнө жаш тегеренип кетти.

Азат үй ичинде ары-бери басып жүрө берди. "Кызык, жашоо дегениң ушундайбы? Өз сүйүүмдүн алдында мажирөөлүк кылдым го?" Оор улутунуп алды Азат. Кайрадан кучагында мемиреп уктап жаткан уулун жыттап алды. "Баланы жашынан, катынды башынан" дегендей, башынан бөлөк эркектердей эле сөгүп, уруп, үйдө кожоюн экенимди билгизип койсом болмок экен. Көрсө аял эркелеткенди көтөрө албайт тура. Аттиң, бири-бирибизди өмүр бою ушинтип сыйлашып жүрүп өтөбүз деп ойлободумбу?" Аңгыча уулу чукурана ойгонуп, колдорун тарбаңдата Азаттын төшүн сыйпалап эмчек издей баштады. Азат кайраттана баланы ордуна жаткыра коюп газга чай койду да, сүт бышырып уулунун курсагын тойгузду.

Эртеси эле жумушунан бир жумага уруксаат сурады да, айылды көздөй жөнөдү. Уулун көтөрүп жалгыз келген Азатты көргөн эне адегенде чоочуп кетти, ага баарын айтып бергенден кийин:

- Тим кой, өлүгүңдү көрөйүн десе, көпкөнүн кара, сендей күйөө таап бактылуу болгонун көрөбүз. Балакетиңди алсын, кейибе балам, эмеле сен да үйлөнүп аласың, - деп эне уулунун көңүлүн жубатты. Айылда эки-үч күн турган Азат кайрадан үйүн көздөй жол тартты. Үйгө келгенден кийин да Гүланданы унута албай жалгыздыктын торуна чалдыгып, анын жеңил ойлуулугун эстегенде жини келип жүрдү. Азат аны сүйгөнүнөн унутуу кыйынга турду, аны кирип келчүдөй күтүп, сагынып, көз алдына "жип 100"гө олтуруп жатканы тартылып кыйнала берди. Сагынычтан, күтүүдөн тажаган жаны бир күнү көчөдө келе жатса алды жагынан Гүланда бир жигит менен чыга калбаспы, экөө тең жайдары. Гүланда Азатты көрө коюп эле жолдун аркы өйүзүнө өтүп кетти. Анын артынан жигит да өтө качты. Гүланда тим эле кыздай болуп алыптыр. Өзү дагы сулуу неме кымбат баалуу кийимди кийип алганга куурчактай болуп тим эле койкойот. Азат Гүланданын жанындагыны сыртынан тааныгандай эле көрүндү, бирок эстей албады.

Гүланданы көрүп Азаттын көңүлү кирдеп, жүрөгү кысылып, башы ооруп чыкты. Уулун эстеди: "Ал кантти? Чоң энесине көндүбү, же.. ? " - деп ойлонуп кайрадан уулунун абалын билүү үчүн айылга жөнөдү. Азат келип уулунун шапайып арыктап кеткенин көрүп зээни кейиди, өзүн өзү алаксыткысы келди эле, шапая түшкөн баласын көрүп кайра жүрөгү ооруду. "Эмчектен чыккандыкы го?" - деп ойлоп койду Азат: "Балким энени сагынып жүрбөсүн?" Азат уулун көтөрүп, анын күлкүсүн угуп, өнөрү чыгып келе жатканын көрүп кичине алаксыды. Канткен менен кыжаалат ойлордон арыла албай: "Гүланданын боор этинен жаралган баласына карабай көңүлү бузулганына Нуржан күнөөлүү тура!" - деп ага кыжыры келип жатты.

Бирок бул мындайча болгон эле. Бейшен Гүландага берилип калды. Бирок бою шыңга арыкчырай келген Бейшен Гүландага жакпады. Ал күндө эле:

- Жаным, макул десең көз көргүс, кулак уккус жакка алып кетем да, жомоктогу канышадай гана жашатам, - деп какшай берди. Ошентип Бейшендин сөзү жагып, өзү жакпай: "Чын эле бул өңүм, келбетим менен ханышадай жашасам болбойбу, Азат эмне эле "төрө-төрө!" деп жинимди келтирет, төрөгөндө бат эле кемпир кейпине келип сулуулугумдун, жаштыгымдын доорун сүрө албай калам", деп өкүттө жүргөндө Нуржан жолугуп калды.

Азат деле Гүланданы "гүлдөй үлпүлдөтүп багам, дайым жаш, сулуу бойдон жанымда жүрө берсин", деп жадагалса Гүланданы конгон чымындан да кызгана турган.

Гүланда ошол күнү базарга барды, аралап жүрүп бир кымбат баалуу көйнөктү жактырып баасын сурады эле, акчасы жетпейт экен. Кармалап туруп басып кетип жатканда күлмүңдөгөн жигит басып келди да:

- Чоң кыз, арзан эле берем сизге, жагып калдыбы? - деп сурап калды.

- Ооба, жагып калды, бирок акчам жетпейт экен.

- Сиздей сулууга жөн эле берип койом, алыңыз ушуну, көңүлүңүз түшүп калды көрүнөт.

- Жок-жок, алалбайм, күйөөм кайсы акчага алдың десе эмне деп жооп берем? - Гүланда так секирип басып кетти.

Ошондон көп өтпөй эле дагы базарга барып аралап жүрүп баягы жерге келип калганын байкабай калды.

- Чоң кыз, кандай, сиз үчүн атайы баягы көйнөктү сатпай алып олтурам, менден белек катары алып кой! - деп Гүландага жакындай берип шыбырап сүйлөдү. Чоочулап эки жагын элеңдей караган Гүланда тез-тез басып өтүп кетмек болгондо:

- Жок дегенде атыңызды айтып койуңузчу, менин атым Нуржан, - деди жигит.

- атымды эмне кыласыз, мен күйөөсү бар аялмын, - Гүланда басып кетип жатса тигил ээрчип алды.

- Аялымын дей көрбөңүз, сизге аял деген сөз такыр жарашпайт экен, тал чыбыктай солкулдаган кыздай бой-мүчө, келбетиңиз бар экен, - жигит артынан калаар эмес. Ээрчип келе берип үйүнө жакын калганда Гүланда:

- Күйөөм чыга калса эмне дейт, барыңыз! - дегенде гана калып калды, бирок Гүланда үйүнө кирип кеткенче карап турду.

Арадан бир-эки жума өтүп Гүланда жашоого баш ийип, Бейшен молдонун айткандарын кээде эстеп коюп жүргөндө үйгө кандайдыр эле Бейшен молдо келип калды. Аны көргөн Гүланда бир эсе чоочуп кетти, бир эсе аны менен болгон лаззаттын туу чокусуна чыккан түндөрдү эстеп эңсеп да турганын сезди. Бирок ага мүмкүнчүлүк жок эле.

- Келиңиз!

- Садагам ий, деги качан ушул жашоодон баш тартасың, ыя, менин тилимди алып, жомоктогу ханышадай жашоого макул болсоңчу? - Бейшен Гүланданы бекем кучактап өөп-өөп койду да, отура кетти.

- Эмнеге келдиңиз, азыр Азат келет жумуштан, ал эмне деп ойлойт?

- Коркпо, мен азыр кетем, жок дегенде бир кайрылып барбадың, алтыным, келчи бир эле жолу.. . ?

- Жок-жок, болбойт, Азат келип калат азыр.

- Койчу эми, эчтеке болбойт, күйөөң келсе кичине табым айныганынан чакырттым эле деп кой. - Бейшен болбой эле Гүланданы кучактап так көтөрүп диванга жыгып эмчегинен эзгилей баштаганда дүүлүгүп кеткен Гүланда:

- Койо туруңуз, эшикти бекитейин, - деп каалганы ичинен илип келди да, махаббат майданында каалагандай чабак урушту. Анан экөө тең моокумдары канып, бир-биринен ырахат алып бүткөндөн кийин ордунан туруп олтуруп калышты. Көптөн кийин Бейшен чыгып кетээри менен Азат келип Гүланданын жатып алганын көрдү.

- Эмне болду, Гүкү, бир жериң ооруп жатабы?

- Ооба, бираз көңүлүм айнып, кускум келип.. .

- Жылуу жат анда, мен тамак жасап жиберейин.

- Ичпейм, эчтеке жүрөгүмө барбай жатат, - Гүланда Азатка эптеп бүгүнкү молдо менен болгонун билгизбей калуу амалы эле. Азат Гүландага үйрүлүп түшүп ыссык чай берип, жылуу жаап өнтөлөп жатты. Таң атканча баласын да өзү карады. Эртеси Гүланда кадимкидей болуп өз ишин жасап жүрүп сансыз ойлорго берилип: "Мен эмне болуп баратам, күйөөмө канааттанбай башка эркек менен болуп жүрөм, же биротоло молдо менен кетип калсамбы, жо-ок, ал мага жакпайт, анын төшөктөгүсү гана жагып калды.. . ", деп эмне кылаарын билбей жүрдү. Дем алыш күн эле, Азат үйдө уулу менен эркелешип олтурган, Гүланда сыртка чыга калса эле Нуржан эшиктин алдында туруптур. Аны көргөн Гүланда эмне кылаарын билбей аны шашканынан үйдүн далдоосун көздөй жетелей басты да:

- Эмнеге келдиңиз, үйдө күйөөм бар! - деди.

- Анда эмесе менин белегимди кабыл албасаң кетпейм, муну алсаң кетип калам да, башка күнү жолугам.

- Кызыксыз го, эмнеге алам, мага кереги жок, күйөөм кайдан алдың десе.. .

- Анда кетпейм!

- Болуптур, барыңыз эми, көрүнбөй кетип калыңыз, - Гүланда Нуржан берген көйнөктү сырткы үйдүн столунун астына беките салып үйгө кирсе дале Азат Бектурду эркелетип бейкапар олтурган экен. Гүланданын көңүлү жайлана түштү.

Бейшен молдо Гүланданы азгыра албай аргасы кетти. Кандай кылса да аны азгырып бул жерден башка жакка кеткенге даяр эле. Гүланда ага көнөөр түрү жок. Кыялында Азат менен уулун таштап кылчайбай кеткен күндө кайда бараарын билбей өзүнчө сары санаага батып жүрө берди. Арадан билинбей дагы бир ай өтүп мезгил күзгө таяп, саргарган жалбырактар билинээр-билинбес желге сампаарлап жааган карга окшоп учуп түшүп жаткан кез. Гүланда уулун коляска менен сүйрөп алып көчөдө жүргөн. Дегеле аны ушул айылдын карапайым жашоосу да тажатып жибергенсиди. Ойлонуп келе жатканда аны кандайдыр бир тааныш үн чоочутуп жиберди.

- Кандай, чоң кыз?

- Аа-а, жакшы-ы, өзүңүз.. .

- Баары жайында. - Нуржан Бектурду бетинен өөп анан Гүландага кайрылды. - Катуу ойлонуп алыпсың. Атыңды айтып койчу, деги атыңдан атайын.

- Жо-ок, ойлонбой эле, атым Гүланда.

- Гүланда, мен сеним жакшылап сүйлөшөйүн дедим эле.. . Сен-н кандай ойлосоң ошондой ойло, бирок мен сени сүйүп калдым.. .

- Ал эмне дегениңиз.. . менин күйөөм.. .

- Түшүнүп жатам дечи, бирок ага жүрөк болбой жатса эмне кылам, Гүланда, сени көргөндөн бери эмесиң көз алдымдан кетпей тынчым кетти.. . Укчу мени?!

- Андай дебеңиз, мен үйбүлөмдү эч качан таштай албайм!

- Гүланда, мен анда.. . мен анда сүйүүнүн айынан азап тартып жүргүчө өзүмдү өзүм өлтүрөм!

- Өзүңүз билиңиз, менин кандай ишим бар?! - Гүланда ошондо Нуржанды таңыркай карады да, сыр бербей: - өз жаныңызды өзүңүз кыйгыңыз келсе кыя бериңиз, өз убалыңыз өзүңүзгө! - Гүланда коляскасын сүйрөп басып кетээрде аны колдон кармай калды Нуржан:

- Экөөбүз тең өлөбүз. Мен жалгыз эле өлө коймок белем, сени кошо ала жатам!

- Эмнеге-е?! - Гүланда элейе карады.

- Эмнеге дегениң кандай, мен сени сүйүп, сенсиз жашай албасымды билип, келин экениңе карабай алдыңа чөгөөлөп жатпайымбы?!

- Аныңдан эмне пайда?

- Эгер пайда болбосо сага асылмак белем, сүйүүнүн чоң пайдасы тийет кээде, эгер сен мага көрүнбөсөң кайдан сүйүүгө кабылмак элем.

- Мен эч нерсеге түшүнө албайм!

- Эң жакшы түшүнөсүң. - Нуржан Гүланданын жолун тороду.

- Жолумду тоспоңуз!

- Укчу, Гүланда, мен сенсиз жашай албайм, сен мени түшүнүшүң керек, баары бир мен сенин үйүңө да барам.

- Жок-жок, бара көрбө, мени азыр койо бериңиз, ойлонуп көрөйүн да.

- Ошентсең, алтыным, убакыт берем, бирок көп кечикпей жообун айтпасаң сөзсүз үйүңө кирип эле барам.

- Деги сиз менин кандай аял экенимди билесизби, кыялым чатак, кызганчаакмын, тамак-ашты да жасай албайм, ошолордун баарына кайыл боло аласызбы?

- Кайылмын, кандай болсоң да колума куш болуп конуп берсең болду, жаркыным.

- Ойлонойун анда.. . - Гүланда коляскасын сүйрөп басып кетти, ойлонуп баратты: "Эмне кылсам экен?"

Үйүнө келгенден кийин Гүланда жинди болгон эмедей эле алагдылана берди: "Эмне кылсам? Аял ала элек жигит болсо, тигинтип жалынып-жалбарып турса, крупный соода кылат экен, жашоосу деле жаман эмес чыгаар? Азат эмне дээр экен, же урушпасак, же бир жаман сөзү болбосо кантип басып кетем? Баламчы, аны такыр эле карабай кете берсем эл эмне дейт, Азат кантээр экен, сүйүү деген ушинтип эле сууп калса ал деле бир күнү сууп менден кетип калса кантем, ай кудай ай!" - деген толгон-токой санаа менен өзүнчө кыжаалат болуп жүрдү. Бул арада Азат Гүланданын ойлуу болуп баратканына таң калып: "Бала багып кыйналып жүргөндүр, түйшүк тартып жатпайбы", деп башкача жоруйт. Ошентип өйдө-ылдый турмуш бирде ысык, бирде суук тартып өтө берет беле, бирок бир күнү Гүланда Азат жумуштан келээри менен эле эшикке чыга калса Нуржан туруптур. Аны көргөн Гүланда жаман абалга келип үйдү бир карады да, Нуржанды үйдүн артына жетеледи.

- Эмнеге үйгө келесиз, үйдө күйөөм бар, ал көрсө эмне дейт?

- Эмне десе ошо десин, эгер сен оң жооп бербесең, сөзсүз кирип айтам да, ачык эле алып кетем, керек болсо.

- Жок-жок, андай болбойт, мындай кылалы, бүгүн эмес.. . - Гүланда эмне дээрин билбей калганда Нуржан:

- Жүрү ээнирээк жакшылап сүйлөшөлү, тигинде машина турат, - деди Гүланданы колдон ала.

- Болбойт, бала ыйласа ал издеп калышы мүмкүн.

- Издей берсин! - Нуржан Гүланданы колунан жетелей машинаны көздөй жөнөдү. Улам артын карап Гүланда Нуржандын жетегинде барып машинага түштү. Нуржан машинаны айдап ээн жерге алып барды да, алып келген колбаса менен винодон ортого коюп Гүланданы көзүн албай карап туруп минтти:

- Гүкү, мындан ары макул десең Гуля деп жүрөйүн, ээ?

- Өзүң бил, Азат издеп калса эмне болот, кайда жүрдүң десе эмне деп жооп берем?

- Эч нерсе болбойт, эгер бирдеме десе мага кел, сразу алып кетип калам!

- Ошондой кантип болсун?.. .

- Болот, эң сонун болот.

- Ата-энең эмне дейт, балким ата-энеңден чыга албай калсаңчы?

- Андай болбойт, мен аларга жоопту өзүм берем, сен мага өз жообуңду бере бер?!

-. . . ?

- Деги айтчы, Гуля, мен сени сүйөм деп какшап, жалынып-жалбарып жатканымды түшүнүп жатасыңбы?

- Мен го түшүнөм дечи, бирок бир кезде ара жолдо калып калбас бекем?

- Кантип, мен сени ара жолго таштап кетиш үчүн сенин алдыңда жалдырап олтурамбы?

- Ким билет, дагы убакыт бер, ойлонуп чечейин.

- Ага да макул, кел, Гуля, бир жолу өөп койойунчу, өзүң бетиңди тосуп бер?!

- Койсоңузчу..

- Тим эле кылыгың кыздан да өтөт ко, чиркин! Эмне болмок эле, жөн деле өөп алам, ошон үчүн өзүң тос дегеним да!

- Болбойт, мен ойлонуп бир чечимге келейин, - деген Гүланда кетүүгө шашкандай түр көрсөттү. - Азат мени урушат, барышым керек.

Нуржан да ага каршылык көрсөтө албай ичилген винонун идишин ары таштады да, машинаны айдап Гүланданы үйүнүн жанына алып барып түшүрүп кетти.

Гүланда кичине ичкен виного эки бети кызара ого бетер көркүнө чыга түшкөн эле. Эшиктен киргенде эле аны көргөн Азат:

- Ой Гүкү, сен кайда жүрөсүң, мен эшикте жүрөбү деп карасам жоксуң.. . - деди аны суроолуу карап.

- Ийи-ии, тиги аркы кошуначы, эшикте жүрсөм чакырып калды, барсам коногу бар экен, дегеле кирип чыкпайсыңар, келип турсаңар деп эле.. . - Гүланда калпы чыгып калчудай андан ары үндөбөй калды.

- Аа-а, ошондой де, мейли кошуна деген ошондой болот да, чакырса барып кой, - азат эчтекеден шек албай уулу менен алектене кетти. Гүланданын жүрөгү ордуна келе түштү: "Байкуш десе, эч арам ойлоп койбойт, бир кездеги сүйүүмдөн ушинтип эле аттап өтүп кетемби? Чынында Нуржандын ата-энеси да тың турушса керек. Азатка караганда ачык-айрым экен".

Гүланда акыры бир чечимге келди да, эптеп Азаттан кетүүнүн жолун ойлоп жатты. Ошентип ал күндө чатак чыгарып эптеп Азаттын көңүлүн калтырып, Нуржан менен жетелешип жомоктогудай жашоого аттанууну чечип койду. Жогоркудагы "жип" машина Нуржандыкы болчу. "Нуржандын үйүнө келин болуп барса, алар аны кандай кабыл алаар болду экен?" - деген азаптуу суроолор менен баратты.. .

*** *** ***

Бектемир бир айылдын кадырман адамдарынын, үйбүлөсү болсо үлгүлүү үйбүлөлөрдүн катарында болчу. Аялы Сагын, келин-уулу да мектепте мугалим болуп иштөөчү. Өзү пенсияга чыккан. Экөө тең "эл агартуунун отличниктери". Он баланы тарбиялап, уул-келин, кыз-күйөө күтүп, небере көрүп калышкан бактылуу чоң ата, чоң эне. Эгер ошол бойдон жашоо сыдыргыга салгандай эч өзгөрүүсүз өтө берсе билинмек эмес, бирок тагдыр деген тагдыр да, буйтап өтүп кетүүгө мүмкүн эмес, капысынан эң кенже кызы жакшынакай туруп эле ооруп калды.. .

Ата-эне чебелектеп врачтарга көрсөтүп, көзү ачыкмын дегендердин баарына алып барды, эч кандай жылыш болбоду. Айзууранын талмасы тез-тез кармап туруп алды, кенже кызынын оорулуу болуп калышы ата-энени көп ойлонтту. Айласы кеткен ата-эне абдан кыйналып кылаар айла таппай аргасы кеткенде Бейшен молдого дем салдырып көрүүнү ойлошту да, он бештеги кызы Айзуураны молдого ээрчитип келишти.

- Мен жети күн дем салам, эгер ошондо инш-шаалла, алла таалам жардам берип ишаарат болсо болду, болбосо айта албайм! - деп жооп берди Бейшен молдо кызды көрүп. Бектемир аялы экөө тең макул болушту, күндө үч жолу дем салдырып кетип жатышты. Кыздын талмасы негедир ушул учурда сээлдеп, кармабай да калды эле, ата-эне кубанганынан козусун союп кымыз менен сары майларын алып келип ыраазы кылуунун амалын ойлоп кызынын эле жакшы болуп кетүүсүн тилеп жатышты. Үйүнө да чакырып коноктошту. Арадан жети күн өткөндөн кийин Айзуураны ээрчитип келген Сагынга молдо минтип айтты:

- Эми кызыңыз дурус болуп эле калды, дагы жакшылап окуш керек, ошондуктан эми жети күнү түнүндө дем салам, ошондо бул кызыңыз жакшы болуп кетет, - деди. - Анткени түнкү жылдыз толгондогу дем салуу абдан күчтүү болот, - Бейшен молдо айтып көнгөн сөздөрүн Сагынга да ишендирүүгө аракеттенди.

- Макул, айланайын, алып келейин, - эне арам ойу жок эле макулдугун билдирип кетти.

Ошол күнү Бектемирдин үйүнө алыстан конок келип калып, колу бошобой келини Рысканды жумшады. Ал болсо күүгүм киргенде Айзуураны Бейшен молдого жеткирип келди.

Ошентип эки кулагын тикчийтип, эки көзүн алаңдатып, жүрөгү түрс-түрс каккан эликтин чаарычыгын азуусун кайраган ач карышкырдын алдына таштагандай, мөлтүр булак көзүндөй жапжаш кызды Бейшен молдонун колуна алып келип тапшырды..

*** *** *** ***

Ал ойлогондой аны Нуржан ата-энесинин үйүнө алып барбады. Аны Нуржан бир айдай өзү жашаган үйдө алып жүрдү. Бир айыл болгон соң анын ата-энеси муну угуп алып каршы болушту. Нуржан канчалык ансыз жашай албасын түшүндүрсө да болушкан жок, Нуржанды алып кетип биротоло үйлөндүрүп койушту. Гүланда ошондо түшүндү жаңылганын. Кайра баруу ал үчүн намысына доо кетирмек. Ал акыры шаарга кетип калды. Шаарга келгенден же иштетээр акчасы жок, абдан кыйналды.

Бир күнү тротуарда келе жатса алдынан бир жигит чыгып тийише баштады:

- Чоң кыз, таанышып албайлыбы, абдан сулуу экенсиз, көңүл ачалы.

- Баш-шымды оорутпай жолуңа түшчү! - ансыз да ызаланып, өпкөсүн чаап жүрүп, ата-энесинин тилинен чыгалбай калган Нуржанга жини келип жүргөн Гүланда сиркеси суу көтөрбөй турган эле, кагып салды.

- Чоң кыз, уксаң эми, көңүлүм түшпөсө неге сүйлөйүн, гүлдүн да жыттаганда кумар кандыраар жыттуусу болот, карабай турган гүл болот. Мен чындап жактырып калдым, макул дечи?!

- Жок, эч нерсенин кереги жок! - Гүланда тез-тез басып кетмекчи болгондо, тигил жигит жылдырбай алдынан тороду:

- Суранам, чоң кыз, жок дегенде атыңызды айтып койуңузчу?!

- Атымды эмне кыласың, барчы ары! - Гүланда анын колун түртүп жибергенде ал кармап калды.

- Бир нерсеге капасың го, жүрү бираз бирге басалы, менин атым Замир, - ал колун сунду.

Гүланда Замирди көзүн тикчийте карап бир топ турду да:

- Эмне, менин атымдын сага эмне кереги бар?

- Ачууланбачы, адам өзү бир-бирине керек, биз ошон үчүн адамбыз да!

- Мен адам эмесмин.. . - Гүланда терс бурулуп кетти, анын көздөрүнөн жаш тегерене түштү.

- Андай дебе, чоң кыз, адам болгондо да жерде калбай турган, өлсөңүз көмбөй турган жан экенсиз, эч нерседен кабатыр болбоңуз, кейибеңиз.

Гүланда анын турпатына назар сала үнсүз туруп калды да:

- Деги мени өз жайыма койчу, ансыз да башым ооруп турат, - деди ойлуу.

- Чоң кыз, башың ооруса заматта басабыз, макул деп койчу, атыңды айтып, көңүлүңдү аччы, ким сизди капа кылган?

- Эч ким, өзүм эле.. . . - Гүланда улутунуп алды.

- Сизге кабак бүркөп, муңайган жарашпайт экен, - Замир ойлуу телмирип туруп калган Гүланданы аста колтуктай, эмелеги масы билинбей жол жээги менен агылып өткөн элдин арасына кирип Ош базарын көздөй баратты. Канчалык өзүн кармап намыстанган менен аргасыз эле азыр колунда жок дегенде нанга жетчү тыйын болгондо, ушул азыр Замирдин жетегине көнбөй басып кетмек. "Бир түнөп кетип калчулардан да, эмне кылам, кудай аа-ай, өзүмө өзүм кылдым, башка салганын көтөрбөскө аргам канча?!" - деп ичинен муңканып алды ал.

Алар Ош базарынын айланасындагы кафелердин бири "Айданага" кирип орун алышты. Замир Россияга каттап жүргөн эле. Үйбүлөсү айылда. Гүланданы колунан келишинче сыйлады. Ал күнү экөө мейманканада болушту. Кең-кесири сүйлөшүп сырдашты. Замир бир айга чейин Бишкекте Гүланда менен көңүл ачып, кетээринде андан ажырагысы келбей Россияга алып кетмек болгондо Гүланда болбой койду. Замир ал болбой койгондо колуна беш миң сом берип, базарга чыгарып койуп, анан келерин айтып кетти.

Гүланда Замир менен бир ай бирге жүрүп көнүп калганга ж анча-мынча ичкенге өзүн кармай албай жумуштан кийин ичип алып жүрдү. Кээде түшкү тамактанууда да жүздү басып алат. Анын күйүтү баласы менен Азат эле. Өзүнүн акылсыздык, жеңил ойлуулук кылганына өкүнүп, кээде өлүп алгысы да келет, бирок жан таттуулугунан, жер катуулугунан өлө албады.

Базарда жанаша соода кылгандар анын кээде кызымтал болуп жүргөнүн байкап шыбырашып калышчу:

- Өзү өңдүү-түстүү неме экен, ичип алганы жаман тура, күйөөсү айылда болсо керек.

- Ким билет, күйөөсү барбы же жокпу? Бирок мен муну өө-гүнчөрөөк аллеядан көргөм, тим эле ыргалып бир киши менен турат болчу, эми оңолуп соода кылып жүрөт ко?!

Ошентип Гүланда жөнүндө шыбыр-күбүр жүрүп жатты. Ал болсо ичкенин азайтмак түгүл көбөйтө баштады. Жанындагылардын бири менен мамиле кылып, же сүйлөшпөдү. Убакыт өтө берди. Бир күнү Гүланда абдан кызуу абалда товарын жыйнаганга кеч кирип кетти, эптеп салыштырып, камерага жүктөп киргизгени турганда анын жанына бир улгайып калган адам келди. Ал базарда контролер болуп иштөөчү, Гүланданы күндө көрүп, жалгыз келип жалгыз соода жасаганын байкап, анан басып келген.

- Чоң кыз, жардам берейинби?

- Көр-рүп т-турбайс-сызбы, сөзсүз жардам керек экенин.

Жусуп дароо жардамдашып, товарларды тачка чакырып камерага киргизишип койду да, Гүландага кайрылды:

- Адегенде таанышып алалы, атым Жусуп, базарда контролер болуп иштейм.

- Гүланда.. .

- Оо-ой, абдан сонун атың бар тура, жүрү бираз чай ичели.

- Макул, чайлашса чайлашалы, бирок.. . бирок мени.. . мени башкача ойлобоңуз, суранам, мен бузулган аялдардан эмесмин, болгону.. . болгону тагдырым.. тагдырым тайкы.. . . - Гүланда ыйлап жибере тургандай болуп тамагы буула түштү.

- Эчтеке эмес, кайгырбаңыз, адам баласы өйдө-төмөн болмойун бир нукка түшпөйт. Кайгыруудан денсоолугуңузду гана жоготосуз.

- Кайгырбайын, ойлонбоюн десем да болбой жатпайбы, айтыңызчы, канткенде мен тагдырымды ордуна койо алам, жашоомду, жоготконумду кайрып алам?

- Мени кечирип кой, Гүланда, өткөндү кайрый албайсың, бирок кайрадан жаңы жашоону баштасаң болот, мен жардам берейин.

- Мага азыр баары бир болуп калды. Үйрүлүп түшүп турчу күйөөмдү, балтыр бешик болуп, күлкүсү жанды ээритип чоңоюп калган уулумду таштап, ушул сулуулугум менен башкача жашайм деп басып кетип, өзүмдүн жаңылып калганымды билбепмин, адамга бакыт деген үч жолу кайрылат деген чын экен. Мага үч жолу келиптир, биринчиси мага майтарылбас таза сүйүүнү тартуулады, экинчиси баланы берди, үчүнчүсү бакыт менин үйүмдө жашап жатканын сезбепмин.. .

- Андай боло берет, кайгырба, - алар сүйлөшүп баратып кечки Бейшеналиева көчөсүндөгү тамак-аштар сатылган жерден Жусуп керектүүсүн алды да, Гүланданы карап минтти:

- Мүмкүн болсо үйгө эле баралы, мен сени өтө урматтоо менен конокко чакырам, эгер сиз макул болсоңуз?

- Өзүңүз билиңиз, - Гүланда Жусуп менен катар басып баратты.

- Кызга бергис жубан, атка бергис кунан бар дегендей, менин эле жарым болсо дегендей өң-түсүң бар экен, жерде калбайсың, көздүү мончок жерде калбайт деген эмеспи, бүгүн муңайсаң, эртең жылмайасың, бүгүн ыйласаң, эртең каткырасың.

- Рахмат сизге.

Алар бат эле Жусуп жашаган квартирага жетип келишти. Жусуп Гүландадан бир топ улуу болгону менен чымыр денелүү, кызыл жүздүү келип, анча аралыгы билинбеди. Же Гүланда кызуулугунан сезбедиби, ирээнжип же тартынбай эле мамиле кылып жатты. Жусуп болсо көптөн бери колуна түшүрө албай жүргөн көгүчкөндү кармагандай эле жан алы калбай сыйлап, анда-санда имере кучактап өөп отурду.

Эртеси, анын эртеси да Гүланда базарга чыкпады, анын товары камерада ары түртүлүп, бери түртүлүп, бирде чачылып короп бүтмөй болгондо төртүнчү күнү зорго чыкты да, товарларынын жарымын зорго топтоп соода кылууга өттү. Баары бир ал соода кылып жатып ичип алганын токтоткон жок. Акыры товары өзүнөн өзү жок болуп, Гүланда болоор болбос акча менен калды, Жусуп болсо көзүнө көрүнбөдү. Өзүнө өзү жини келип, көз алдына Азаттын үйрүлүп түшкөнү, уулунун талпынганы элестеп ого бетер ызаланып, Азаттай эч ким өзүн сүйүп, эркелетип сыйлабасын ойлогондо көзүнөн мончоктогон жаштар куюлуп кеткенин байкабай да калат. Ошентип ызанын, күйүттүн кулу болгон Гүланда бара-бара адам сапатын жоготуп баратты.

Бир күнү ал пьяный аллеяда кызуу абалда турса Бейшен молдо өтүп калды. Баягы калыбынан жазбай зыңкыя кийинген. Гүланда ошол мүнөттө өзүн жолдон адаштырып, таза сүйүүсүнө балта чапкан молдо экенин эстей кыжынып барып аны желкеден ала өзүнө тартты да, кайра түртүп жиберди. Чоочуп кеткен Бейшен молдо жыгылбай калганына тобо келтире артын карап ары көздөй кетип жаткан мас аялды көрүп кайра жолун улады. Гүланда кызуу болсо да өзүн тааныткысы келбеди, артына кайрылып столдо олтурган аялдан бир сигарет сурады:

- Эже, бир эле сигарет берип койуңузчу?

- Эмне, мен силерге окшогондор үчүн ушул жерде олтурамбы, барчы ары сен эле жетпей жатсаң да.

- Бир эле штук бериңизчи? - Гүланда ал аялга жалдырай карады.

- Жок, бералбайм, өзү деле мага бир-эки штуктун пулу артат, бала-чакамды багамбы, же.. .

Кызуу жигит сигарет алып күйгүзүп калганда Гүланда ага кайрылды:

- Бир сигарет кайрылыңызчы?

- Эгер сүйлөшсөңүз, сөзсүз алып берем, - ал Гүланданын кулагына шыбырады.

- Койуңузчу, бир сигаретке элеби?

- Кымбатка турасызбы ошончо?

- Көрүп турбайсызбы! - Гүланда да андан кем калбады, - бир сигаретче болуп калсам сизге.. .

- Болуптур, - ал бир "Полет" фильтрдин штугун алып Гүландага берди да: - жүрүңүз, - деди тамекини күйгүзүп бергенден кийин, - кайда барабыз? - деп Гүланданы карады.

- Жигитсиңби, өзүң башта!

- Дав-ваа-ай, - деген ал Гүланданы колтуктап басып баратып, - бирдеме алып алалыбы? - деп сурап койду.

- Ухаживать эткенди билесиңби? Менден сураба эчтеке, - Гүланда мурчуйуп койду.

- Өтө текеберсиз го, ыя? - Тигил Гүланданы көңүл бура карады да, - вот это даа-а, ничего себе, чын эле сулуу экенсиң, эй! - деп каткырып күлүп койду.

Ошентип Гүланда ар күнү башка-башка адам менен болуп жүрө берип, акыры жолдо калды. Анын сулуулугу менен эсептешпеген тагдырына өтө нааразы. Билинбей арадан төрт жыл өтүп кетиптир: "Уулум быйыл төрттөн бешке кадам койот, Азат эмдигиче үйлөнгөн чыгар", - деп ойлоп, жүрөгү зырп этип алат: "Жаңылдым-жаздым деп эле бара берсемби?" - деп ойлойт да: "Жок-жок, болбойт, кайсы бетим менен Азаттын алдына барам? Анын таза сүйүүсүнө түкүрүп койбодум беле бир кезде, мен ага татыктуу жар эмесмин, уулума татыктуу эне болалбадым.. . ". Гүланда ушинтип ойлонуп, санаасы санга бөлүнүп кыйналганда арактан ичип алып өзүн алаксытат да: "Ойноп-күлөм дебедим беле? Ушулбу менин ойноп-күлгөнүм, жаштыгымды, сулуулугумду бир түнөөчүлөргө арнап, жашоонун кызыгын көрбөй энемди, күйөөмдү, баламды таштап талаада калдым, бул менин өз кесиримдин башыма тийип жатканыдыр?" Өзүнө өзү түркүн суроолорду бергени менен өзү жооп бералбайт: "Мейли, ушинтип мени тааныгандарга көрүнбөй жүрүп өлүп тынаармын, өзүмдөн өч алганым ушул болсун, дароо өлүп калганча тентип, азап тартып, кордук көрсөм да, ачка калсам да жер үстүндө болоюн, бул менин жазам!"

Гүланда тамеки тартып, аллеянын решеткасында жөлөнүп турган. Жанынан өтүп бараткан Замирди көрүп тескери бурула берди. Замир аны байкады да, анын катарына решеткага жөлөнүп туруп калды эле, Гүланда аны карабай басып кетээрде тигинин катарына жетип келген Замир:

- Кандай, Гүланда? - деп жайдары колун сунду.

- Кудайга шүгүр, көрүп турбайсыңбы?!

- Көрүп турам дечи, сураса болбойбу, же тааныбай жатасыңбы?

- Кайсы бирин таанымак элем, таанышым көп болсо.. .

- Аа, мен.. . мен Замирмин.

- Жакшы, келип калыпсыз? - Гүланда аны карабай туруп жооп берди.

- Гүланда, сага эмне болгон? Мен сен үчүн келбедимби!

- Эмне-ээ?! - Гүланда Замирди элейе карап калды.

- Ооба, чын айтып жатам, сен үчүн баарын, баарын таштап, сени менен жашоону чечип келгем.

- Жок, Замир, мен сага татыктуу эмесмин, ичкич, бузулган, тагдыры тайкы айалмын, билдиңби?!

- Жок, Гүланда, сен бузулган айал эмессиң, ага мен жол бербейм! Мен сенин жоготкон бактың болуп, сынган канатыңды бүтөп, үзүлгөн үмүтүңдү улайын деп келгем, түшүнсөң, Гүланда?!

- "Бөксөргөн аяк толобу, баштакыдай болобу?" - дегендей, мурдагыдай болмок кайда, өксүгөн үмүт, чөккөн көңүл кайра ордуна келмек кайда?

- Болот, Гүланда, биз жашоону жаңы баштайбыз, биз сүйүүнү даңазалайбыз, көрөсүң го!

- Ким билет? - Гүланда ойлуу Замирдин катарында келатты.

- Антпе, Гүланда, сен мага ишенчи, мен сенсиз жашай албасымды билгенден кийин аерге токтой албай койдум.

- Эркектердин баары ушинтишет, өпкө-жүрөгүн чаап, кези келгенде алдыңа төшөлүп, бутка чалынышат да, эрки жетпей калганда басып кетишет.

- Мени андай деп ойлобо, Гүланда, мен айтканымда турам. - Замир Гүланданын арак жыттанып, коңурсу жыттанган денесин кучактап бетинен өптү да, болжолдуу бийик дарбазалуу үйдүн тушуна келгенде: - Ушул жерде турам, гостиница эле катары, жүрү, - деп дарбазанын коңгуроосун басып койду эле, бир аял ачты.

- Аа-аа, келдиңби, бул ким?

- Бул.. бул менин келинчегим, айылдан келиптир.

- Жакшы-жакшы, , - аял алар киргенден кийин кайра эшикти жаап кирип кетти.

Замир Гүланданы ээрчитип бир бөлмөгө киришкенде бөлмөнүн ичи абдан таза, эки керебет жанаша турган экен, катар турган керебеттин жанында тумбочка орун алыптыр, үстүндө чыны-кашык, целлофанда нан турат.

- Гуля, жаным, сенден кеткенден бери жаман азапка кабылдым, сагындым сени, эгер макул десең эртең эле никелешип алалы, кандай дейсиң, каршы болбочу?!

- Ошончолук эле тезби? Мен.. . мен өзүмө келип алсам болот эле.. .

- Сөзсүз да, эртең менен душка түшүрүп куштай кулпунтуп кийинтип койом, тим эле көркүңө чыга түшөсүң, көргөндөр суктансын, көз артсын, менин кандай чүрөккө үйлөнүп жатканымды билишсин! - Замир Гүланданы кучактап өөп, кроватка олтургузду.

Замир эртеси Гүланданы душка түшүрүп, андан кийин толчокко алып барып эки-үч сыйра кийим алып берип койду эле, мойну кыздыкындай койкойуп бой мүчөсү келишип, өзүнө келе түштү. Замир аны көзү тойбой карай берип төбөсү көккө жете кубанып, үч баласы менен аялын ойлогусу да келбей: "Жашоонун жыргалы сулуу аял тура", - деп ичинен өзүнө Гүланданы жолуктуруп койгон жаратканга ыраазы болуп жатты.

Мейманканага келгенден кийин Замир бөлмөлөргө кирип коңшуларын чакырып, бир молдо алып келдирди да, нике кыйдырып, ал күнү шатыра-шатман боло күлүп олтурушту. Гүланда ал күнү ичип алып мас болуп калды. Замир аны эптеп жаткызып койду. Эртеси башы ооруп калган Гүланда дагы ичти, дагы ичти, ал күнү да мас болуп эч нерсени билбей жатып калды. Замир базарга чыгып тамак-аш алып келип Гүланданын уктап жатканын көрүп, суктана карап койду: "Байкуш, кайгысын унуткуча ичээр, акыры ичпей калат да, анан жашообуз жакшы болот", - деп өзүнчө кыялданып койду. Бирок Гүланда ичкенин токтото албады, кайдан таап ичкени белгисиз эле, бир кезде кызып калат.

- Гүкү, эми акыл токтотуп, иш кылалы, мен сен деп бүт баарын таштап отурсам, сен минтип ичип алсаң жашоо кандай болот?

- Эмне, жашообу, жашоо өтөт-кетет, мен да-аа өтөм-кетем, сен даа-агы-ыы.. .

- Гүланда дейм, эмне болуп турасың сен, мени укчу кудай жалгагыр, мен мына кыркка келгенде сүйүүнү башымдан өткөрүп жатам, болбосо мен жылуу ордумдан козголбой балдарымдын жанында болбойт белем, сени көргөнү жаным жай албай түн уйкумдан, күн тынчыман кетип абдан азап чектим, акыры "тобокел" деп үйдөн чыгып кетип калдым, мына азыр сенин жаныңда олтурам, уктуңбу? Мага да боор ооруп койсоң?!

- Бо-оор оору-уп?.. Мен ссага-аа боо-ор ооруппу? Аа-а мага ким боор ооруйт экен?!

- Акылыңа кел, Гүланда, акылыңа кел! Мен азыр сенин айтканың менен болуп, кайда айдасаң барып сенин гана эркиңдемин!

- Ха-ха-ха, менинби? Менин гана эркимде болушуңду сөзсүз каалайм, ырас эле сени кайдан көргөнүмдү билбейм, ай?!

- Ал эмне дегениң, антип мени шакаба кылба?!

- Шакаба-аа.. , эмне мен тамашалап койсом болбойбу? Эркелеп койдум, секет. Ишенсең, азыр мага сенби, башкабы, баары бир!

- Эмне деп жатасың? Башты оорутуп жибердиң го деги, эми мен сенден түк ажырабайм, же сени бар кылам, же биротоло жок кылам, уктуңбу?!

- Баарына даярмын, азыр кескилеп салсаң да кой дебейм!

Замир үндөбөй калды: "Масы тарасын, жакшылап сүйлөшөйүн", - деп ойлонду да, өз оюна койду. Арадан бир ай өтсө да Гүланданын ичкени токтободу, ар убак кызымтал болуп алат. Бир күнү Замирдин Россияда соода кылган жолдош баласы жолдон жолугуп калды.

- Оо-ой, кандай дос, иштер кандай? - ал Замирдин жанындагы Гүландага карап: - бу чүрөктү кайдан таап ала койдуң? - деп шыбырай көз кысты: - Моссоветтин кыздарынан го?

- Байкап сүйлө, Эдил, бул менин жаңы алган аялым.

- Аа-аа, кечир досум, мен.. . мен байкабай эле.. .

- Эч нерсе эмес, таанышып алгыла.

- Гүланда.

- Эдил, - Гүланданы кытмыр карап, жылмая колун узатты. - Анда эмесе, досум, аяш менен таанышканыбызды майлабайлыбы? - ал Замирди карады. Замир Эдил менен жөн эле коштошуп басып кеткиси келип турган. Анын көңүлүн да кыя албады: "Көп ичип алып уятымды чыгарбаса экен?" деп ичинен ойлонуп:

- Макул, бирок биз шашып жаттык эле, бираз көңүл ачса ачып койолу, ээ Гүланда?

- Өзүңөр билгиле.

Алар ээрчише "Дасмия" кафесине кирип орун алышты. Адегенде Эдил заказ берип, толтура тамак-аш, напиток, арак алдырды. Ал ичилип бүткөндөн кийин Замир алды. Ошентип жолугушууну майлап олтуруп, үчөө тең кызып калышты. Гүланда болсо такыр эле мас болуп калды. Замир аны колтуктай, үчөө тең алардын бөлмөсүнө келишти. Эки кроваттын бирине Замир менен Гүланда жатышты да, бирине Эдил орун алды.

Эдилдин ою Гүландада болуп туруп алды: "Кантип колго түшүрсөм экен, Замир эмне, сулуулугуна азгырылып жүргөн го, болбосо бала-чакасы, аялы бар да?" - деп ойлонуп жатты. Эртеси башы ооруп калган экен, кайра иче баштады. Гүланда мас болуп алып Эдилге карап:

- Аялың барбы? - деп сурады.

- Ооба, эки уул, үч кызым бар, аялым айылда, эми айылга барам.

- Ойноп-күлүп кетсең деле болот да, мага жагып калдың, ай!

- Эмне деп жатасың, Гүланда, сенин акылың жайындабы деги?

- Акылымбы, мм, акылым жайында эле, эмне болду? - Гүланда ордунан теңселе туруп барып, тамеки күйгүзүп олтуруп калды. - Менин акылымды сураба, Замир, сураба!

- Оңолот экен десе, мен сени адам экен десе.. .

- Капа болбо, дос, аяш тамашалап жатат, ошого чындап капа болосуңбу? - Эдил аны жайкап сүйлөдү.

- Эмнеси бар экен, жактырса жактыра турган жигит экен, мага баары бир - сенби, же.. .

Замир Гүланданы жаактан ары бир салды да, жөлөп-таяп кроватка жетелеп барып жаткырды. Эдил ордунан туруп сыртка карай жөнөгөнү жатып, артына кайрылып Замирге:

- Дос, аяшты көп капа кыла бербе, сени эмне дээр экен деп жатса керек, аялдар абдан митаам болот, жаңы эле үйлөнсөңөр анан кызганар бекен же кызганбас бекен деп сынап жаткан го? - деп, анан чыгып баратып коштошуп кетти: - жакшы калгыла, дагы жолугушабыз.

- Жакшы бар, - Замир башын мыкчып олтуруп калды: "Бул энеңдурайын оңолобу, же ушинтип тууган-уругума, теңтуштарыма уят кылабы? Дагы бир аз чыдайын, күтөйүн, эгер адам болсо жашап калаарбыз, болбосо.. . " - деп чаржайыт ойлор менен олтуруп уйкусу келип, кроватка жата кетти. Ал уктап кеткен экен, калдыр эткен дабыштан ойгонуп кетип караса, Гүланда суу ичем деп колунан стакан түшүп кеткен экен. Ал Замир уктап калганда ойгонуп алып сыртка чыгып столдо олтурган аялдан самогон ичип кирген болчу, аны Замир билген жок.

- Гүланда, сени менен сүйлөшчү сөз бар, - Замир аны карап сүйлөгөндө ал ары караган бойдон үн катты:

- Дагы баягы, мен сени бактылуу кылам, сен үчүн үйбүлөмдү таштап келгем, ичпе, ичпе, ичпе дейсиң да, көп болсо.

- Деги сенин соо күнүң болобу, анан эмне дейин? Алдыңда чындыкты айтып турган кишини шакаба кылгың келеби? Андан башка эмне дешим керек - ич, ичегой десем жагамбы?!

- Ха, ха, ха-ха, мен ичкенимди токтото албайм, садагасы, азыр кескилеп сал, менин өзүмдө өчүм бар, тим эле кыйнап өлтүр, мен өзүмө тиешелүү жазамды алайын.. .

- Бир нерсе десе эле өлтүр, кескиле деп тура каласың, сени өлтүргөндөн мен бирдеме табамбы, сени эсине келсин, адамча жашайлы деп жатам, билсең.

- Мага жашоонун кереги жок, билдиңби? Сенин алдагы айтып жаткан сөздөрүңдүн кимге кереги бар, магабы? Жаңыласың, мен эми эч качан эч кимдин сөзүнө ишенбейм да, укпайм!

- Болуптур, анда, Гүланда, колу-жолуң бош, кайда барсаң анда бар, өзүмө өзүм оору тилеп алыпмын, азыр жолуңа түш!

- Мына эми акылыңа келдиң, мурун эле ушинтсең болмок.. . - Гүланда сыртты көздөй жөнөгөндө Замир:

- Ал, тигил кийимдериңди алып кет, аны мен киймек белем, - деп баштыктагы кийимди көрсөттү.

- Аны эмне кылам, мага ушул да өлгөнчө жетет, селсаякка кийимин кереги не? - Гүланда чыгып кетти.

Замир башын мыкчыган бойдон кала берди.

*** *** *** ***

Каныш уул төрөп алды. Күйөөсү Дүйшөбай ага жаны калбай үйрүлүп түшүп, Каныштын колун сууга салдырбай өнтөлөп жүрдү. Бирок улам уулу чоңойгон сайын же өзүнө, же аялына окшобой, таптакыр эле башкача болуп баратканына ичинен ойлонуп калчу болду. Кээде ичип алганда кийинчерээк ички оюн сыртына чыгарып:

- Эй, эн-неңди, сенин ушул балаңдын менден экенине таңым бар, каапыр, эптеп эле төрөп алайын деп менин көзүмдү жазгыргансың го, ээ? Тигини карасаң, өзүң деле карап көрчү, же сага, же мага окшобойт, анан кантип айтпай тим болом, ыя?! - деп айып киргенде Каныштын жүрөгү "болк" дей түштү да, сыр билгизбей таарынымыш болуп эркелей кетти:

- Ал эмне дегениң, Дүкө, ак никебизден жаралган наристеге сөз тийгизгениң кантип болсун, азыр бул эмне, ар кимге окшошо берет да, төрөбөй каламбы деп чоочулап жүрүп эми бир наристелүү болуп көңүлүм толуп кубанып турганда эмне деп жатасың?

Көзү алачакмактап турган Дүйшөбай Каныштын айткан сөзүнө муюй түштү да:

- Билбейм, ырас эле кимге окшошсо да менин уулум да, ээ? Капа болбочу, жаным, экинчи антип айтпайм, - деп кечирим сураган болду. Бирок баары бир жүрөгүндө түпөйүл суроо кала берди.

Бара-бара Кайрат чоңоюп, бир жаштан өтүп там-туң басып калган кезде Дүйшөбай дагы ичинен ириген оюн сыртка чыгарды:

- Карасаң, энеңдурайындын баласы, кимге окшошуп баратат деги, кимдир бирөөгө окшошконсуп баратат, мен тааныган эле адамдай.. . - дегенде Каныш үйдөн чыга калып:

- Деги кичинекей наристеге күмөндүү жаман оюңду айтпай жүр дебедим беле, ошол кенедей бала сенин айтканыңды түшүнүп коймок беле? Экинчи ушундай сөзүңдү дагы айтчу болсоң, уулумду алам да, төркүнүмө кетем, кудайдан зар ыйлап жүрүп тапкан баламды сенин жаман сөзүңө булгабай! - деген Каныш тамтаңдап ойноп жүргөн баласын көтөрүп үйгө кирип кетти. Дүйшөбай турган ордунда ойго батып тура берди: "Мен эмне эле болуп жүрөм, өзүм деле балам жок деп досторумдун балдарын көргөндө улутунуп алчу эмес белем, эми бир уулдуу болсом аны өзүм жеригеним кудайга жакпастыр", - деп Каныштын артынан үйгө кирип:

- Койчу эми, Какиш, баланы ошентип эркелетип койсом сага оор тийип атабы, мен жөн эле тамашалап жатам, өз баламды өзүм эркелетип тамашалап койсом болбойбу? - деп аялын кучактап өөп, баласын колуна алып эркелетти: - Күчүгүм десе, атасы эркелетип атпайбы күчүгүн, - деп аталап чулдураган уулун көтөрүп ары-бери басып жүрдү.

Мындайда Каныштын жүрөгү ордуна келип: "Кудай уруп дал Бейшен молдонун өзүнө окшоп баратат, эми кантем?" - деп бушайман боло түшөт да: "Эгер чындап эле жээрий берсе баламды алып кетип калам, катын алып балалуу болгонун көрөм тукумсуз өлүгүңдү көрөйүн", - деп жинденип да алат. Чындыгында Дүйшөбай өзү уруксуз эле, аны сезеби же билгиси келбейби, врачка көрүнүүдөн тартынчу: "Кокус "өзүңдөн экен, аялың төрөй алат" десе канттим, андан көрө эптеп жашай берейин", - деп ойго чумуп, баласын көргөндө эле иренжичү болду.

Ошентип убакыт өтүп Кайрат онтөрткө келгенде Дүйшөбай ичип кетти. Ал баласын көргөндө эле Бейшен молдо көз алдына элестеп, же ачык айтпай өзүн жоготуп баратты. Кайрат онбешке карап калса да андан кийин Каныш төрөгөн жок. Кайын ата, кайын энеси болсо уулунун ички күйүтүн ачык эле сезип калды, бирок өздөрүнчө күбүрөнүп: "Бу келин соо эмес, мүмкүн.. . " дешип, Каныштын төркүнүндө жүргөн кезин эстеп ич арадан сураштырып, ошол убакта Бейшен молдого дем салдырып жүргөнүн билгенден кийин алар даана билип, уулунун балалуу боло албаганына кейип тим болушту. Каныш болсо азыр эч нерсеге ээ бербей, Кайратка Дүйшөбайды сүйлөтпөйт. Ал ан сайын ичинен кан өтүп убайым тартып ичкенин токтото албай бир күнү абдан мас болуп алып талаада жатып: "Бейшен молдо менен качан, кайда жүрүп бирге болду экен, кантип мага эмес, молдого окшошуп калды?" - деп ойлонуп ого бетер кыжаалат болуп үйүнө барбай талаалап кетти. Ата-энеси аны талаадан таап үйүнө алып келишсе эртеси кайра кетип калат. Акыры Каныш дагы уулун жетелеп үйүн көчүрүп шаарга кетип калды. Аны кайын журту кетпе деген жок. Ошол бойдон Дүйшөбай болсо ичкич болуп, үйбүлөдөн жок, адам сапатынан кетип жашай берди.. .

*** *** ***

Эртеси Айзуураны келип жеңеси үйүнө алып кетти. Кыз негедир шишип-көөп калган. Ыйлап да алгандай. Рыскан Айзуураны карап: - Сага эмне болгон, ыйладыңбы? - деп сурап калды.

- Ооба-аа! - деп кыз токтоно албай буркурап жиберди.

- Эмне болду, айтчы ыйлабай, айта гой, эмне болду сага?

- Мени.. . мени Бейшен молдо.. . - ал көйнөгүнүн көкүрөгүн ачып, тытылган ичкийимин, тытылган жерлерин көрсөттү. Рыскан аны кучактап сооротуп, өзүнүн бөлмөсүнө алып кирди да, анан кайын энесине барып, эмне деп айтаарын билбей:

- Апа, кызды алып келдим, - деди.

- Ийи, жакшы болуптур, азыр барам, - деп ал эч нерседен шектенбей олтуруп калды. Конокторун узатып, баш-аягын жыйгандан кийин Айзууранын бөлмөсүнө кирди эле, ал төшөгүн чүмкөнүп жаткан экен: "Уктап жаткан тура, демдин да таасири тийген чыгаар", - деп кайра чыгып бара жатканда алдынан Рыскан чыкты да, аны колтуктап алып кайра Айзууранын үстүнө кирди:

- Апа, Бейшен молдо кызды.. . - деп келе жатканда Айзуура чүмкөнүп жаткан бойдон үнүн катуу чыгарып эчкирип жибергенде эне эмне болуп кеткенине көзү жетпей делдейе түштү:

- Эмне-ээ, эмне болуп кетти, кокуй кү-үүн!? - ал Айзууранын төшөгүн сыйрып алып жанына олтурганда эле анын тытылган көйнөгүн, моюндарын көрүп эле чаңырып жиберди: - Кокуууй, карангүн, бул эмне деген жорук, өлүгүңдү гана көрөйүн Бейшен?!

- Апа, эми эмне болот? - келини аны карады.

- Билбейм, кагылайын ай, кандай күнгө туш келдиң эле, оорубасаң жөн эле жүрө бербейт белең!

Айзуура үнүн баспай боздоп жатты. Эне-бала көпкө кучакташып ыйлап отурду да, Сагын кызынын жуурканын жаап жаткырып койуп сыртка чыкты. Анан Бектемирге олуттуу сөз айта тургандай болуп аны үйгө карай жетеледи.

- Эмне болду, байбиче, тынччылыкпы? - Бектемир Сагынды олурая карады.

- Тынччылык болмок кайда, сүйлөшчү сөз бар!

- Болуптур, кемпир, болуптур, - алар ээрчише үйгө киришти.

- Кеп мындай, Бейшен молдо.. . - Сагын андан ары улам токтоп жатып зорго айтты.

- Ат-таңдын оозун урайын, аны шашпа! - деген Бектемир эртеси эртең менен эрте туруп барып Бейшен молдо ордунан тура электе ал жашаган үйгө кирди. Аны көргөн молдо иштин чоо-жайын дароо эле түшүндү да, селт этип алды.

- Ат-таңдын оозун урайын акмак! - Бектемир аны камчы менен эки-үч чаап жиберди да, каалганы ичинен илип алып эч ким укпагандай кылып: - Бүгүндөн калбай бул айылдан жогол, эгер минут токтосоң өлтүрүп салам, уктуңбу? Жабылуу иш жабылуу бойдон калсын десең сыйың менен жогол, болбосо түрмөдө чирийсиң! - деди да, андан жооп күтпөй эле чыгып кетти.

Ошентип, ал ошол эле күнү айылдан кетүүгө мажбур болду. Анын бир кара чемодан кармап аялдамада турганын көргөндөр эмне үчүн айылдан кетип жатканын билбеди, бир караңгы түн, боздогон жаш кыз, жүрөгү сыйрылып ичинен өкүнгөн ата-эне жана Бейшен молдого гана белгилүү эле, анын эмне үчүн айылдан кетип жатканы.

Бейшен кыңылдап дегеле көңүлдүү келе жатты. Ал ичинен ушул айылга келгенден берки кыз-келиндер менен болгон мамилесин эстеп жылмайып алды. Ошол кылган коомчулукка жат мамилеси үчүн куулуп баратканына кейип да койгон жок. Айзуурадан башка дагы эки кызды зордуктаганы билинбей калганына ичтен кубанып алды: "Эч нерсе эмес, бир кыздын убалы кимге, жакшы жери билинбей калганы дурус болду", - деп бул айылга келгенден берки кылган иштерин көз алдына келтире үргүлөгөн тейде көздөрүн жума автобуста термелип баратты.

Бейшен жаңы келгенде жашаган үйдүн ээсинин бойго жеткен кызын зордуктап койгонун эстегенде ушул кезге чейин таң калчу: "Эмнеге ал мага догурунган жок, мүмкүн ал эркек менен болууга кызыгып жүргөн го, болбосо кыз атынан жаңылтканга кантип макул болмок эле?" Ошондо Бейшен жаңы эле келген эле, үй ээсинин кызы ага негедир өзү эле шынаарлап, бөлмөсүнө болбогон шылтоо менен кире калып тийише берчү. Бир күнү үйдө Бейшен менен кыз экөө гана калган. Көпкө чейин экөө аркы-беркини сүйлөшүп тамашалашып олтуруп, анан кыз өз бөлмөсүнө кеткен. Бейшен аны ойлоп уктай албай, ит оорусу кармап түн бир оокумда шырп алдырбай анын бөлмөсүнө кирип барды да, эч нерсе билбей уктап жаткан кыздын төшөгүн ачып кирип, аны кучактап өөп, сылап-сыйпалай баштаганда ал козголбой жата берди. Ошол учурда Бейшен: "Бул кыз деле эмес окшойт", - деп ойлогон, бирок ал кыз болуп чыкты. Бейшен азыр да ойлоп кетип жатты: "Эмне үчүн каршылык көрсөтпөдү, же.. . " - деп таң калат. Ошондон көп өтпөй эле ал кыз шаарга окууга тапшырып кетти. Азыр келген сайын экөө эрди-катындай жолугушуп турушат.

Андан кийин дагы бир жалгыз бой аялдын кызын да өзү билип, аны коркутуп зордуктап койгон. Бейшен эч нерсе болбогондой кымылдап сапар улап баратты.

Арадан он беш жыл өтүп, Бейшен борбор шаардагы бир мечитте иштеп жаткан. Гезиттерге кабар жазып жүргөн. Бул учурда Айзуура университетти бүтүрүп, шаардагы мекемелердин биринде катчы болуп иштечү. Экөө ошол күнү коридордон беттешип калды. Айзуура бүткөн бою калч-калч этип, өзүн жоготуп, эски оорусу кармап баратканын өзү сезип оозуна сөз кирбей, же басып кете албай туруп калганда Бейшен:

- Оо-ой, кандайсың, ыя, ушул жерде иштейсиңби? - деди ырсалаңдай.

- Мм, оо-ооба-аа, - деген Айзуура турган жеринде шалак эте жыгылып калганда коркуп кеткен Бейшен кабинеттеринен чыга калган кыздар менен жетекчини көрө басып кетти. Айзуура ошондон кийин абдан ойлуу болуп кетти. Кексе бөлүм башчы аны байкап бир күнү Айзуураны сөзгө тартууну ойлоду. Анткени бөлүм башчы менен Бейшен экөөнүн араздашып жүргөнү бар, Айзуура болсо эч нерсе болбогондой мисирейет. "Алдаса болот жаш башты" деген эмеспи. Азыр Бейшен кыргыз мечитте, анан да ажыга барып келген. Кадыр-барктуу молдо.

*** *** ***

Каныш шаарга келгенден кийин соода кылууга киришти. Уулу Кайрат экөө күнүмдүк оокатын өткөрүп батирде жашап калышты. Бир күнү Каныш соода кылып жатып Бейшен молдонун өтүп баратканын көрдү. Ал андан бир азга тартына тутуп, бирок артынан кыйкырууга даабады: "Ушул эле шаарда болуш керек, атайы издеп барып жолугуш керек экен", - деп ойлонуп алды. Эртеси сооданы баласына тапшырып коюп үстү-башын оңдоп, жасанып-түзөнүп алып мечитти көздөй жөнөп баратып: "Болсо мечитте болоор, болбосо бул шаардан табыш кыйын", - деп ойлонуп, мечитке жетип босогосун аттай берип: "Ким эле? Аты Бейшен молдо болуш керек, ошентип сурасам кантет?" - деген ойдо эки жагын элеңдей карап баратканда алдынан бир жаш молдо чыкты эле, андан сурап калды:

- Сиз Бейшен молдону билбейсизби?

- Кайсы, имамбы?

- Анысын билбейт экем, иши кылса молдо.. . - деген Каныш андан ары сүйлөй албай туруп калды.

- Бул мечитте бир эле молдо бар Бейшен деген. Эгер сиз издеген Бейшен башка болсо, анда билбейм.

- Аны.. . аны кайдан тапсам болор экен?

- Мына бул имараттын артында дагы бир чоң имарат бар, бүт чоң молдолор ошол жерде, сурап көрүңүз.

- Рахмат. - Каныш имаратты айлана бергенде кечээ көргөн кийимчен Бейшен молдо алдынан чыга калды.

- Кечиресиз, бир мүнөткө мүмкүнбү?

- Угуп жатам, менде кандай жумушуңуз бар? - деди Бейшен молдо бурула берип.

- Сиз.. . , сиз мени таанып жатасызбы, мен.. . - деп келатканда Бейшен:

- Токто-токто, тааныдым, сен Канышсың го, ээ?

- Ооба-ооба, бул мен, сизге жолугайын деп эле.. .

- Жакшы-жакшы, , кандай анан?

- Жакшы эле, уулум быйыл онбеште, ушул шаарда соода жасап жатабыз.

- Каныш, эгер эртең мүмкүнчүлүгүң болсо ушул жерге келчи, жай сүйлөшөлү, - деген Бейшен шашылыш басып кетти.

Аны узата карап туруп калган Каныш эртеңки жолугушууну эстеп жылмайып алды.

Эртеси Бейшен ажы Канышты тосуп алды. Азыр ажынын мартабасы көтөрүлүп, эл көзүнө ажы болуп эле нысаптуу көрүнгөнү менен кыз-келинди көргөндө дагы деле көздөрү оттой күйүп турчу. Кийинчерээк өз оюнда сойкулар үйүн ачууну көздөп жүргөн. Оңдой берди болуп Каныш келип калганына ичинен жым дей түштү. Эртеси Каныш экөө жолугушуп, адегенде махабат көлүнө чабак уруп кумардан чыгышкандан кийин жумуш жөнүндө сүйлөшүп сөздү бышыктап болгондой болушту.

- Буга сен гана жарайсың, - Бейшен ага ишеничтүү карады, - адегенде үйдү сага тапшырайын, анан өңдүү-түстүү кыздардан.. , негизгиси сулуу кыздарды табыш керек, өзүңө да, мага да жакшы болот, тез эле бай аялга айланасың, анан күйөөң өзү эле келет, - Канышты сынай карады.

- Колумдан келет, айтканыңды аткарабыз, ажым, - деген Каныш ага эркелей кетти.

- Мына, - Бейшен чөнтөгүнөн ачкыч алып сунду, - мен ал жакка түн ичинде гана барып турам, ал эми сен мага зарыл жумушуң чыкканда телефон чалып тур, - деп Бейшен ажы ага телефондун номери жазылган кагаз сунду. - Мында үйдүн адреси да бар.

Каныш ага көзүн сүзө кылык көрсөтө басып кетти. Бейшен анын артынан карап туруп: "Байкуш, балалуу болом деп балаага калган тура, ырас эле мага окшош болду бекен?" - деп ойлуу артына бурулду да, мечитти көздөп бет алып: "Буйруса ойлогон ой ишке аша турган болду", - деп кымылдап баратты.

*** *** ***

Гүланда Замирдин бөлмөсүнөн чыгып кеткенден кийин абдан кыйналды. Колунда сокур тыйын жок, өзүн өзү жектеп: "Бу мага чала, эч кимге таанылбай өлүп тынаар күнүм гана, мага чала, Азат менен эле жашай бергенде эмне?" - деп оор күрсүнө онтоп алды: "Бул менин өзүмө өзүм буйруган жазам, мен ушинтип өлүшүм керек, ооба, мага бул жаза жеңил, мен машинага урунуп өлсөм жакшы болмок.. . Жок-жок, дагы бирөөнүн убалына калгандан көрө.. . ", - деп теңселип араң зорго басып келе жатканда анын алдынан апасы чыга калды. Гүланда дароо жүзүн буруп кетти, бирок аны апасы боолгоп калып артынан келип:

- Кызым, мен сени бирөөгө окшотуп жатам, мүмкүн болсо атыңды айтып койчу?! - деди эле, Гүланда аны карабай туруп:

- Менин эч кимим жок, энекебай, окшош болсо болгондурмун, караганга алым жок! - деди. Ал азыр ачка болуп баса албай турганы менен мас эмес болчу. Эртеден бери мурдуна эч нерсе илинбей ары-бери шимшилеп турган. Ошондуктан ар кайсыны ойлонуп зээни кейип, өлүмгө да даяр болуп турганда апасынын жолугуп калышы андан да кыйын болду.

Гүланданын апасы айылдан эле Гүланданын ичип кеткенин угуп анан келген. Азыр кызынын өзүн таанып туруп бурулуп кеткенин жаземдебей сезди, үнүнөн тааныды да, акырын аны колтуктап эл укпагандай кылып шыбырай сүйлөдү:

- Жүрү, тигиндейирээк баралы, менден тартынба, кызым, мен энеңмин, эне болуу азап да тозок да экенин алиге чейин түшүнгөндүрсүң.

- Жок, мен эч жакка барбайм, мени өлгөндөрдүн катарына кошуп куран окуп жүр, мени эми эстебе, боор ооруба, унутуп кой!

- Кой, каралдым, антпе. Эне баласын эч качан жээрибейт, сен акылыңдан ажырап жолдо калган күндө да мен сени таштап кете албайм, мен энемин, уктуңбу? Мен энемин!

- Эне болсоң эмне кылайын, өз ишиңди кыла бер, убагында тилиңди албагандыгымды кечирип кой! - Гүланда мерез болуп, жүзүн бурбай туруп сүйлөп жатты.

- Садагам, сени ойлоп азап чегип күн тынчым кетип жүрүп араң зорго өзүңдү таап алып, эми көзүм көрүп туруп таштап кетмек белем, жо-ок, кызым, анда мени өз колуң менен өлтүр, болбосо сенсиз эч жакка кетпейм!

- Эмне эле мени кыйнап жатасың?! - Гүланда артына бурула бергенде анын жүдөңкү жүзү боппоз болуп, көздөрү жашка толуп ызалуу мисирейди, - көрдүңбү мени, тирүү бекенмин, тилиңди албаганым үчүн ушинтип ара жолдо аракеч болуп калганым үчүн табалаганы турасыңбы?!

- Айланайын, мен сени табалагыдай душманың белем? Андан көрө табалачуларга көрүнбөй үйгө жүрү, кийим-кечеңди которуп мени менен бас!

- Жок-жок, апаке, мен эч жакка барбайм, мен атайын ушул жолду өзүмө тандап алгам, демек мен жазаланып, азап тартып өлүшүм керек!

- Ок, антип айтпа, мени аясаң боло, кантсе да каныңдан жаралган наристең бар. аны ойлон, адам жашоодо отко түшүп, сууга чөгүп, бороонго буюгуп, ысыкка күйүп жашай билиш керек, сен муну өзүң тандаган жоксуң, кагылайын кызым, ал сага алла-тааланын буйруган тагдыры, сен аны көтөрө билгин, жеңилдик кылба, кызым?!

- Ыя, тагдырым буйруганбы, эмнеге тагдырым ушундай, апаке? Мен муну өзүмдөн көрүп өзүмдөн өзүм өч алганы жатпадым беле?

- Жок, кызым, адам маңдайга жазганын гана көрүүгө тийиш! Чөкпө, басырынба, көтөрүмдүү бол, ошондо гана бул жашоонун сыноосунан өткөн болосуң, эркиңе бек бол, кызым, болоор болбос кайгыга жеңдирбей ойлон, садага, ойлон!

- Эмне дейсиң, апакебай, менин да жашоого укугум бар да, ээ? Ырас эле мен адаммын да, жеңилбей жеңишим керек! - Гүланда апасын кучактап калды. Эне-бала бир топко кучакташкан бойдон жол боюнда көз жаштарын көл кыла солкулдап ыйлап турушту.

Эне Гүланданы ээрчитип батирине алып барды да, душка түшүрүп, кийим-кечесин жаңылап кийгизди эле, ал татынакай боло түштү. Эне ары карап:

- Кагылайын секелегим, карачы кандай супсулуусуң, ушул өңүңдү, келбетиңди кайдагы бир ачуу, акылдан адаштырчу аракка кор кылып койбой, эсиңе кел, кагылайын. Өзүң отузга келгениң менен жыйырмадагы келиндей турпатың бар, - деп анын көңүлүн көтөрө кубанып жатты.

Гүланда чындап эле апасынын айтканына ишене түшкөн: "Бул мага тагдырдын буйругу болсо, анда мен күнөөлүү эмес турбайымбы, анда мен уулумду көрүп келсем болот экен да?!.. Жок-жок, Азаттын көзүнө кантип көрүнөм, ал менин ичип кеткенимди укса табалайт чыгаар?" Толгон-токой ойлордун жетегинде калган Гүланда: "Эмне экен, кайрадан күйөөгө чыгып жашасам болот тура, тагдырым мүмкүн ушундай болсо ага көнүшүм керек экен да", - деп өзүнчө ойлонуп калды.

Салкын эне Гүланданы айылга алып кетти, анын көңүлүн көтөрүүгө аракет кылып, өткөнүн эстетпөөгө алаксытып турат. Айылга келгенден Гүланда абдан ойлуу болуп, жалгыздап Салкын эне менен сүйлөшүүгө көңүлү келбей жатып алып, эненин асты-үстүнө түшүп берген тамагын жакшы ичпей сыртка чыгып кетет. Эненин ого бетер жүрөгү сыйрылып, өзүнчө ыйлап алчу болду. Анткени Салкын эненин жападан жалгыз кызы болчу. Ал бир күнү Гүландага билгизбей Азатка барып жолугуп келүүнү ойлонду да:

- Гүкү, мени тиги таякең чакырыптыр, барып келейин, эртең келип калам, - деди.

- Өзүң бил, - Гүланда көңүлсүз унчукту. Салкын эне Азаттын үйүнө келгенде анын үйү кулпулануу экен. Эне айласы кетип кошунасынан сурады эле, ал:

- Азат үйүн сатып кетип калган, - деди.

- Кайда кеткенин же кайда жашаарын билбейсиңерби?

- Жок, ал бизге эч нерсе айткан эмес, кеткенине үч жыл болду.

- Ийи, - деген эне шалдырай келген жагына карай кадам шилтеди: "Азатка түшүндүрүп уулун алып келип көрсөтсөм кызым кичине көңүлү көтөрүлүп өзүнө келип, мурдагыдай болуп кетээр?" - деп ойлоп келген эненин үмүтү үзүлүп баратты.

Азат Гүланда кеткенден кийин эки жолу үйлөнүп, кайра ажырашты. Жашоосу ойдогудай болбой, бул жашоодон көңүлү калып, эми үйлөнбөй бойдок өтүү үчүн үйүн сатып жиберип айылга апасына кетип калган эле. Кочкордогу апасы менен уулун эстеп аларды көрүүгө ашыгып, кыялында уулун адам кылып тарбиялоого жөнөдү.

Айылга келип жумушун да таштап соода кылууну да ойлобой, мал багып, апасынын жеңилин жерден, оорун колдон алууга аракеттенди. Бир күнү айылдагы теңтуш, жоро-жолдоштору менен олтуруп, капысынан Гүланда жөнүндө угуп калды:

- Азат, сенин аялың көп ичип кеткен тура, ээ?

- Аны кайдан уктуң?

- Аныбы, аны мен тиги Бакыттан уктум, мен сенин аялыңды таанычу эмесмин, ал көрүптүр, Бишкектеги Ош базарынын бир четинде кетип жатсак эле Бакыт мени түртүп: "Карасаң, мобул Азаттын аялы болчу, кебетесин карасаң, аракеч болуп калган турбайбы, аябай сулуу неме болчу", - дегенинен карасам чын эле татынакай эле келин экен, бирок көрүнүшү аябай жүдөө.

- Аж-жеп болуптур! - Азат ошентип айтканы менен жүрөгү түтпөй алардын жанында көпкө олтура албай кыжаалат боло басып кетти: "Өзүнө өзү кылды, мен ага жаман айтпасам, чекесинен чертпесем, бактыны да көтөргөн аял көтөрөт, өз убалы өзүнө!" - деп ойлонуп, ошол күнү уйку бетин көрбөй толгонуп чыкты: "Уулум болсо быйыл онго чыкты, эки жолу үйлөндүм, жолум болбоду, анткени мен Гүланданы сүйчү элем да, тигилерди андай сүйө албадым, аларды Гүландадай барктай албадым, кармай да албадым", - деп үч-төрт күн ойлуу болуп кетти. Муну байкаган эне:

- Балам, сага эмне болду, ойлуу болуп кеттиң, садагаң, айылда көңүлсүз болуп жатса байкеңдин, эжеңдин үйүнө барып кел. Алар деле сени келбей кетти дешип капа болуп жатышат, - деди.

- Барам, апа, барам. Өзүм эле ооругансып турам, - деди да, Нарын шаарындагы байкесиникине барууга макул болду.

Ал байкесиникине барып андан ары Бишкекке барып, Гүланданы издөөгө ниеттенди. Эртеси эле ал Нарынга жөнөдү. Аерге келгенден кийин деле көңүлү көтөрүлбөй байкесине шылтоо айтып шаарга жөнөгүсү келгенде агасы аны сынай карап:

- Бишкекке эмнеге барасың, кандай жумуш менен, же.. . ? - деп токтоп калды.

- А-аа, жөн эле.. . - ал агасынын эмне айтаарын билбеди.

- Келинди көргөнү барсаң анда абдан жаңыласың, иним, анын көп кылыктарын угуп таң калдым.

- Кандай, кандай?

- Билбесең билип ал: Гүланда Бейшен молдонун азгырыгына кирип кетиптир!..

- Койчу?!

- Ырас эле, мен даана көргөн адамдан уктум.. .

- Жок-жок, мен буга ишенбейм, - деген Азат сыртка чыгып кетти. Ого бетер көңүлү чөккөн Азат: "Нуржан менен жетелешип жүрбөдү беле, чын эле Бейшен молдо ошенткен болсо мен аны таап алып өлтүрөм!" - деп муштумун түйүп, Бишкекке кетчү таксиге олтуруп жөнөп кетти. Ал шаарга келген күнү Салкын эне Гүланданы айылга алып кеткен болчу. Ошол мезгилде экөө кайчылаш өтүп кетишти.

*** *** ***

Бейшендин ойлогону ордунан чыгып, арышы күндөн күнгө арбып, капчыгына миңдеген акча түшүп, иши илгерилеп, ити чөп жей баштады. Каныштын да көңүлү тынып, баласын медресеге окутуп, өзү абдан толуп баратты. Ага азыр күйөөнүн да кереги жок эле, кээде өзүнө да клиенттер чыга калганда тартынбастан тейлеп коюп жүрө берди. Арадан жети жыл өтүп үй алууга жетишти. Бара-бара сойкулар үйүнүн айланасын темир менен курчап, сойкуларды врачтарга тейлетип, баарын тартипке келтирип, ал жерге жалаң доллар менен келген клиенттер менен аттуу-баштуулар заказ менен бара турган болуп калды. Каныш болсо бай аялга айланды. Ага бир күнү базардан жердеши Бүбү жолугуп калды да, ага өзүн көрсөтүү үчүн аны кафеге алып кирип, экөө тамактанып олтуруп бир аздан арак ичип сөзгө киришти.

- Ай Каныш, тиги күйөөң болсо жүрөт, аял эч качан кор болбойт да, өзү эле кыйналды, катын чанганды эмне кылат десең, байкуш, - Бүбү аны сынай карады.

- Ал мени эмес, мен аны чангам, жалгыз балам менен бөрүдөй эле оокат кылып жатам.

- Уккам, ал баласын жээриген турбайбы, ээ?

- Баары бир эч нерсе кыла алмак эмес, өзүм ал ичкилигин көбөйткөнүнөн жиним келип жашагым келбей калды. Уулумду болсо окутуп жатам, жашоо ойдогудай, жакында үй алдым.

- Жакшы болуптур, баса сенден бир нерсе сурасам жашырбайсыңбы, ыя?

- Сура, жашырбай турган сөз болсо айтып эле берем, анын эмнеси бар экен.

- Тиги-и, Бейшен молдону билесиң да, ээ?

- Ооба, эмне болуптур?

- Сени ошондон төрөптүр деген ушак чыкпадыбы сен шаарга баса бергенден кийин, ошол чынбы?

- Айтса айта беришсин, бирок ал менин жашыруун сырым.

- Макул айтпасаң айтпа, бирок мен билем, жылдыз толгондо дем салам дегенинин сырын мен кийин түшүнбөдүмбү.

- А-аа, сиз дагы анын торуна түшкөн белеңиз?

- Түшпөй анан, - Бүбү бир аз кызый түшкөнгө бактылуу жылмайып алды, - болгондо да кандай дейсиң, ооруларга шыпаа берет дегенине ишенген болчумун.. .

- Ооба, мен да ошондой сөздөрүнө ишенген элем, бирок жаман болгон жок, балалуу болуп алдым, эгер Дүйшөбай менен жашап жүрө берсем ким билет, ал уруксуз мени куу баш өткөрмөк.

- Ошону айтсаң, баарынан да ал молдонун тартуулаган ырахатын айтпа!

- Чынын айтсам, сиз айткандай эле экен, мен ошол кезде күйөөмдү көргүм келбей жүрбөдүмбү, ал шүмшүк бир эркелетип, же бир сылап-сыйпап койсо экен, доңуздай болуп жатып алат да, өзүн гана ойлойт, ошон үчүн эле андан жадап кеткиче шаштым, эже.

Сырдашып, бир аз ичип олтуруп кызып калган Каныш ал күнү Бүбүнү үйүнө ээрчитип кетти. Ал күнү үйүнө коноктоп, эртеси Бүбү айылга жөнөмөй болду.

*** *** ***

Айзуура балалыгын кайдагы бир эки жүздүү акмакка алдатып жибергенине ичтен өкүнүп, ошондон бери эркектерди жек көрүп, жашы бир топко барып калса да жигиттерге көңүл салбай же ишенбей жүрдү. Акыры ал да адам баласы, болгондо да сезими күчтүү пенде болгондуктан, аны сүйүү деген оору кишендеп алды көрүнөт, Артур менен жакшы мамиледе болуп калды. Чынында Артур аны чыныгы таза сүйүүсү менен жеңди, анын артынан жүгүрүп жүрүп өзүнүн сүйүүсүн түшүндүрүп жатып максатына жетти. Айзуура Артурдун өзүнө жасаган мамилесин, жүрүш-турушун, сүйлөгөнүн сынап, акыры ага ишенди.

Дүйнөдө сүйүү бардыгынан таза, ыйык жана бийик тураарын Айзуура ошондо түшүндү, аргасыз эркектерди жек көрүүсү жоголуп, сүйүүгө баш ийди. Ал Артурга болгонун болгондой кылып айтып берди.

- Айзуура, сен мага ишенип сүйүүмө сүйүү менен жооп берсең болду, - деди Артур аны кучагына кысып.

- Дүйнөдө эркек аттууну жек көрүп жүрүп өтөм деген элем. - Айзуура күнөөлүүдөй Артурдун көздөрүнө жалжал карады.

- Жок, жаным, жаңыласың, аял-эркек бири бирин толуктап турчу жан экенин түшүн, биз бир бүтүнгө айланып, бир үйбүлөдө түтүн булатабыз. - Артур Айзууранын колун кармап өөп койду. Экөөнүн сүйүүсү бара-бара күчөп, бир бирине жолукпаса тура албастай болуп калганда алар үйлөнүп алышты. Айзуура Артурдун өзүнө үйрүлүп түшүп жумуштан келгенче күтүп жол караганына өзүн чексиз бактылуу сезип, ага ыраазы. Кээде Бейшен молдонун кылган кылыгы көз алдына келе калганда балталап салгысы келет, бирок анын өткөн окуя экенин ойлогондо эс ала түшөт.

Арадан убакыт суудай өтүп, Айзууранын баласынын тили чыгып, өзү кош бойлуу болуп калганда аны жетекчи чакырып алып, мындай деди:

- Айзуура, мен сенден бир нерсе сурайын деген элем. Бейшен имам экөөңөрдүн ортоңордо бир катылуу сыр бардай, сен аны көргөндө башкача болуп кетесиң, мүмкүн болсо.. . - деп жетекчи аны жылмая карады. Айзуура үндөбөдү, бир азга көз ирмебей бир чекитти тиктеп туруп, анан жашырбастан баарын айтып берди. Жетекчи анын көңүлүн көтөрө мындай деди:

- Эч кайгырба, Айзуура, биз чындыкты айтып, андай зордукчулдун ыплас ишин ашкерелешибиз керек, эч нерседен тартынба. Чындыктан буйтап, тайсалдабаш керек, кыскасы, жашоо мыйзамы ошондой, арамдык ар убак адалдыкты жеңип келген. Ага өзүбүз күнөөлүүбүз, "ар намыс" деп курулай өзүбүздү кыйнап жатабыз.

- Макул агай, - деген Айзуура акырын чыгып кетти.

Ошол бойдон мекеме башчысы да андан эч нерсе сурабады, Айзуура болсо жолуккан сайын тайсалдап: "Эгер сурап калса, чындыгын айтып салдым, эми эмне болот болду экен?" - деп сарсанаа болуп жүргөндө кокусунан Бейшен жолугуп калды. Айзуура аны көрүп үндөбөй жол бошотуп өтүп кетээрде ал жолун тосуп:

- Эмне эле менден кыйгачтайсың, андан көрө кел экөөбүз жүрүп алалы, эмне экен, жолуң деги ачылып калыптыр, - деди тийише.

- Жапчы оозуңду, башымды оорутпай жолуңа түшчү! - деп басып кеткенде бөлүм башчы аны байкап калды.

Айзуура турмуш жолун баштап, жашоонун кызыгына жаңыдан батып, сүйүүнүн ырахатын сезип, баланын балдыр тилине канбай өз дүйнөсүндө бактылуу болуп көңүлү тынып калганда анын жашоосуна чагылгандын ташындай от түшүп бараткандай өзүнчө кыйнала берчү болду. Анткени Бейшен анын көңүлүнүн ооруганына карабай, жолуккан эле жерде тийишип, оозуна келгенин айта берчү болду. Айзуура жумушунан чыгып кетүү үчүн аргасыз бөлүм башчыга кайрылды:

- Агай, мен жумуштан чыгайын деген элем.. .

- Эмнеге? - бөлүм башчы аны сынай карады.

- Жөн эле, баламды караганга киши жок.

- Өзүң бил, арызыңды жазып кел.

Айзуура эми үйүнө барып күйөөсүнө эмне дешин билбей ага да өз оюн айтты эле, ал:

- Үйдө бош жүргөнчө иштей бер да, бала болсо чоңоюп калды.

- Жок, иштебейм!

- Өзүң бил.

Ошентип Айзуура жумуштан чыгууга белсенди, антпесе ал күйөөсүнүн алдында өзүн күнөөлүүдөй сезип жүргөн. Ошондуктан бир балээден кутулгандай эле жеңилдеп калды. Бирок бөлүм башчы арызга кол койбой кечигип жатты.

Бейшен өзүнүн молдолук ишине сыйбай турган ыплас иштерди жасаганын туюп да койбой, улам башка келин-кызды колго кантип түшүрүүнүн амалын ойлоп, ичинен кыңылдап жүрө берди.

*** *** ***

Арадан үч жыл өтүп, Гүланда өз калыбына келип калды. Бул арада анын колун сурап өз айлынан көп эле адам чыкты, бирок ага ал болбоду. Бир күнү ал майда-барат алып келе жатса алдынан Замир чыга калбаспы. Аны көргөндө Гүланда абдан уялды да, жол бошото өтүп баратканда ал:

- Гүланда, кандай, сен ушул жерликсиңби, ыя, же күйөөгө чыгып алдыңбы? - деп шашкалактай сурап ийди.

- Кечиресиз, бирөөгө окшотуп жатсаңыз керек, - деп, Гүланда басып кетти.

Замир үндөбөй анын артынан бир азга карап туруп, анан: "Ой тобоо, ушундай да окшоштук болот экен, ээ? Мен Гүланда экен десем, башка тура", - деп аны улам кылчак карап кетип жатты: "Ал абдан бузулуп кетпеди беле, кантип эле оңолуп калды дейм да, балким ошол эле чыгаар, күйөөсүнө кайра келип жашап жаткандыр?" Ал ар кайсыны ойлой берип узап кетти. Гүланда андан узагандан кийин өзүнөн өзү буулугуп ыйлап кирди: "Эмнеге жакшы адамдардан качам, канча аракет кылды мени менен жашаганга, деги мага чала, эми Азат менен Замирге окшогондор мага табылабы же.. . ? " - деп кыжаалат болуп атты. Бир күнү Салкын эне Гүланданы тамактанып олтуруп чачынан сылап:

- Кызым, талкаланган тагдыр кайра ордуна келбейт, сен эми турмушка чык, көлөкөм, мен да сенин бактылуу болгонуңду көрүп көңүлүм тынсын. Тигил айылдан Керимдин баласы аялынан ажырашканга үч жыл болуп калыптыр, кечээ шаардан келиптир, Керим атайы улуу башын кичик кылып, ошол уулуна сени сурап келиптир, жакшы эле кайгырдың, кызым, алар да жакшы кишилер.. . - деп Гүланданы карады.

- Апа, мен эми күйөөнү коюп эле, сизди багайын, күйөөгө тийгенге көңүлүм жок.

Кой, карегим, анте көрбө, мен эмне болмок элем, өлбөгөндөй оокат бар, жашай берем, өзүң ушундайда бактыңды тап, кагылайын.

- Кайдагы бактыны айтасыз, мен бактыдан кол жууганым качан, апа?! - Гүланданын көздөрүнө жаш толо түштү.

- Кагылайын каралдым, минте берсең өзүңдү да, мени да кыйнайсың, мен сени ойлоп кайсы күндү көрүп өтөм деги, өлсөм да санаадан арылып өлсөм болот эле.

- Апа, кыйнабачы!.. - Гүланда ордунан туруп сыртка чыгып кетти. Эне ойлуу жүрөгү сыйрыла олтуруп калды. Ошол бойдон эне-бала бир биринен күйөө жөнүндө сөз болуудан сактанып, сөз нугун башкага буруп жашоо өтүп жатты.

Салкын эне короодо жүргөн эле, аттын дүбүртү угулганынан чыгып караса Керим аттан түшүп жатыптыр.

- Кандай, байбиче, акыбал дуруспу?

- Жакшы, айланайын, кел, кел.

- Келип калдык.

- Үйгө киргиле. - Салкын эне үйдү көздөй жол баштап кирди.

Гүланда үйдө олтурган. Салкын эне ички үйдү карап үн салды:

- Ээ кызым, ыя Гүкү, чай алып кел, айланайын, конок келди!

- Азыр. - Гүланда дасторкон жайып, чай куюп берди да, чыгып кетти.

- "Кызды сураганга, кымызды ичкенге бер" деген сөз бар, байбиче. Биринен болбосо биринен бак табаар, кой дебеңиз, кызыңыз мага жакты, келиним эмес кызымдай эле болсун, алдыңызга кулдук кылып келдим, - деди Керим.

- Керим, мен деле силерди танбайм-чанбайм. бирок сенин уулуң менен кыз экөө бири бирин көрбөсө кандай болоор экен?

- Эч нерсе болбойт, байбиче, мен жактырганды менин уулум да жактырат!

- Аа-аа, менин кызым Гүкү.. . эмне дээр экен?

- Анда, байбиче, мен эртең уулумду ээрчитип түз эле үйгө келейин, чогуу-чаран эле кеңешели, - деген Керим энени карады.

- Макул, айланайын, ошент, бир бирин көрсүн, шаштырба, сүйлөшүп жактырышсын.

- Жарайт, байбиче, анда мен аттанайын, - Керим камчысын колуна кармай ордунан туруп, сыртка чыгып аттанып кетти.

Гүланда сыртта туруп булардын баарын укту. Ал бая күнү Салкын эне айткандан бери ойлонуп көрүп көңүлдөнгөнсүп калган: "Апамды да кыйнадым, кой эми көңүлүмө жакса-жакпаса да апамдын көңүлү үчүн күйөөгө чыкса чыгып алайын, мени кандай кылып гана чоңойтушпады, эми аз калган өмүрүн да өксүтпөйүнчү". Азыр Керимдин айткандарын угуп алып: "Баласы кандай неме болду экен, шаарда жашаса керек, деги эмне болсо ошол болсун, апамдын көңүлүн оорутпайынчы", - деп эртеңки келчү күйөө жөнүндө ойлонуп калды. Турмуш-тиричиликтин өзү жашоого тырмышуу, аракет кылуу эмеспи. Тирүү адам эртеңкисин ойлоп үмүт менен жашайт. Гүланданын да өчкөн үмүтү жанып, жашоого далбастаганы көрүнүп турду.

Тагдыр бурганагы бир кезде бороондуу коктунун ичиндеги шаркыраган сууга алып барып агызса, бирде заңкайган бийик ашуудагы ак карлуу көз тайгылткан музга алып барып аязга тоңдуруп, бирде мээримдүү жадыраган жаздын салкын абасына кумарлантып, адам баласын ар кандай сыноодон такшалтат эмеспи. Гүланда да жашоонун өйдө-ылдыйын көрүп, тагдыры аны мелмилдеген түпсүз деңизге салса да, жайкы аптапка кактаса да, чыдоого даярданып жатты.

Эне-бала эртеңки келчү коноктор үчүн кам көрүп калды. Салкын эне ичинен: "Деги Гүкүмө жагып калса экен, жакшы жигит болсо бул деле каршы болбос, деги макул болуп өз ордун таап калгыдай болсо экен", - деп ойлонууда. Гүланда болсо: "Деги апам ыраазы болсо мен эч нерсе дебейм, апам эле кейибей көңүлү тынсын", - деп ойго термелүүдө.

Күткөн убакыт келип, Керим аялы жана уулу менен келип калышты. Төркү үйдө олтурган Гүланда жүрөгү "дүк-дүк" кагып: "Кандай неме болду экен, кудай аа-ай, бактымды сынаса сынап көрөйүн, ушул ирет кандай болсо да мен апам үчүн макулмун!" - деп кыжаалат. Бир кезде Салкын эне:

- Күкү, кел балам, дасторкон алып кел, киши келди! - деп үн салганда чыга калган Гүланда көргөн көзүнө ишенбей туруп калды. Бүткөн бою калч-калч этип, өңү да бозоро түштү. Бул учурда Замир да кызык абалга туш болуп турган болчу. Көрсө Керимдин тун уулу Замир экен. Ал баягы Гүландага берилип баса берген бойдон үйбүлөсү менен жарашпаптыр.

- Кызым, эмне болду сага? - эне далбастай түштү. Замирдин атасы кыраа неме, дароо эле экөөнүн көз караштарынан түшүндү да, ортодогу кыйын абалды оңдоого тырышты:

- Балдарым, силер биздин келечегибизсиңер, мына байбиче да карып, байгамбар жашына барып калды. Экөөң бир бириңерден чоочубагыла, айланайындар. Биз силердин бактыңар үчүн гана күрөшөбүз!

- Ооба десең, ошентпей анан, - Салкын эне кубаттап койду.

Гүланда ыңгайсыз абалда калып, өзүн токтото дасторкон жайып кирди. Замир: "Ушул айылдык экенин көргөн эмес экемин да, анын үстүнө менден он жашка кичүү да, ошон үчүн байкаган эмес турбайымбы.. Эми эмне болот, Гүланда айнып кетпесе экен, мен го.. . " деп Гүланданын кирип-чыгып жүргөнүнө көз жүгүртүп олтурду. Салкын эне болсо өзүнчө ичинен санаага түшүп, сыртынан күлүп: "Гүланда айнып кетпесе экен", - деп жатты.

Ошентип эки жак бирдей келишимге келип, ушул эле жума күнү Гүланданы алып кетмей болушту. Гүланда ичинен: "Эми эмне болот, өткөндү эскербей, бири бирибизди көтөрүп жашап кете алаар бекенбиз?" деп кыжаалат болуп, кылган ишинин жыйынтыгы болбой кыйнала берди. Керим төбөсү көрүнгөн адам болчу, малдуу-жандуу, балдары да мактанаарлык жакшы чыккан. Ушул Замир гана турмуш ордун таппай үч баласы чоңоюп келе жатканда ажырашып кеткен. Ата-энеси ага түшүнбөгөн бойдон кала беришкен. Чынында ал ушул Гүланданын айынан ажырашканын бир гана өзү билет, ал эми Гүланда анын сөзүн угуп да койгон эмес болчу. Тагдырдын табышмагын кара, келип эле кайра экөөнү жолуктуруп жатканын.

Жекшемби күнү Керим килейген кой алып келип Салкын эненин эшигине союп, берчү малын айдатып келди да, салттан башкача той берип, Гүланданы машинага салып алып кетишти. Гүланда үндөбөдү: "Тагдырыма эмне жазса ошону көрөөрмүн, баарына кайылмын", - деп мисирейет. Керим кудагыйы Салкынды өздөрү менен кошо ала кетип, айылына да той берип, ар жак, бери жактан коноктор чакырылды. Гүланда үйдүн ичинде кол кабыш кылып жүргөн эле, бир кезде кайненеси:

- Садага, сыйлуу коноктор келе жатат, салтка ылайык жүгүнүп кой, - деди. Гүланда босогодон кирип келе жаткандарга көз кыйыгын сала ийилип жүгүнүп жатканда анын көзүнө мурунку кайын энеси көрүнүп токтой калды да, андан өзүн кайда калкалаарын билбей, эңкейген калыбында жоолугун ылдыйлата кирип келе жаткан аялдардын аягы суюлуп төргө өтүп кеткенден кийин сыртка чыгып кетүүнү ойлонуп отурду эле, ага кайненеси келип жоолук салып, бетинен өөп, анан эч нерсени байкабай эле олтура кетти. Ошол замат Гүланда эшикти көздөй шаша жөнөп сырткы каалгадан чыга берейин дегенде Азат менен сүзүшүп алды. Азат да байкаган жок, жөн гана кичипейилдикке жол бошотуп өтүп кетти. Гүланда эмне кылаар айласын таппай, ажаткананы көздөй жөнөдү да, ичи уйгу-туйгу болуп, качанкы жүрөк оорусу кайрадан ырбап ыйлап жатты. Канча олтурганын ким билет, бир маалда Замирдин:

- Гүланда, Гүланда, сен быяктасыңбы? - деген үнүн укканда гана:

- Ооба, азыр, ичим ооруп жатат, бир аз койо турчу, - деди ажаткананын ичинен.

- Макул, - деген Замир басып кетти. Гүланда ботодой боздоп, күчүн көз жаштан чыгарып жатты: "Буларга кандай катышы бар болду экен, деги менин тагдырым ушунча татаал беле, кудай ай?!" - деп ыйлап олтуруп, анан аргасыз үйгө кирүүнү ойлоду. Анткени дагы Замир келип сырттан жөтөлүп койду. Үйгө киргенден кийин да ал: "Ичим ооруп жатат", - деп жатып алды. Той тарап, Замир менен Гүланда эч нерсе болбогондой мурункуларын экөө тең ойлобоого аракет кылып, бактылуу жубайлардай жашап жатты. Гүланда болсо көпчүлүк убакта ойлуу: "Эмнеге бул жерге келишти, кандайча жакын болду экен, Бектурду эмне ээрчитип келишкен жок? Же бирдеме болуп.. . Жок-жок, аман болсо экен", - деп толгон-токой суроолорго жооп табалбай сабыры суз болуп жүрдү. Замир ал жерде эки айдай туруп эле Гүланданы ээрчитип Россияга кетмек болуп камынып жатышканда алардын чоң энеси өлүп калды. Жамандык деген айтып келбейт эмеспи, сексен сегиздеги карыны коюуга Керимдин тууган-уругу, куда-сөөктөрү катышышты. Гүланда бул кезде жашоого баш коюп, тиричиликке көнө түшкөн. Куда-сөөктөр менен кошо бул жолу да Азат апасы экөө келди. Гүланда аларга таанылбоого аракет кыла жоолукту чекесине түшүрө салып, артына байлап алган. Муну Азат дароо байкады, ичинен: "Замирге тийген тура, өткөндө байкаган эмес турбайымбы", - деп эле куда-кудагыйына көз көрсөтүп коюп кетип калды. Буга апасы таң калды, анткени Керимдин кичүү уулу Азаттын карындашына үйлөнгөн болчу. Ал кезде Азат менен Гүланда ажырашып кетишкен. Ал эми алар Россияда болгондуктан, Замир үйлөнгөндө биерде жок эле.

Өлүктү коюу расмиси бүткөндөн кийин Замир менен Гүланда шаарга кетип калышты. Ошол бойдон алар шаарда болуп, бир жылдан кийин Гүланда кыз төрөдү. Экөөнүн соодалары абдан жакшы болуп, айылга ар ай сайын акча жөнөтүп турушат. Ал турсун кыздуу болгондон кийин апасы Салкынды биротоло алып келип алышты. Салкын карып калгандыктан бала бакканга жарай албай, алар жумуштан келгенче кыйналып калат дешип, балдар үйүнөн жети-сегиздердеги кызды биротоло алып келип багып алышты. Ал абдан тирикарак, тың кыз эле. Анын аты Сауле экен. Гүланда кез-кезде гана уулун ойлогондо кыжаалат болбосо, баары артта калганга, жашоонун оомал-төкмөл экенине, өзүнүн бир аз кыйынчылыкты жеңе албай селсаяктык күндү башынан өткөргөнүнө кээде өкүнүп алат: "Болбосо баары ордундагыдай эле болуп калбадыбы. Болгону баягы тез-тез таарынчу секелек кыздай мүнөзү токтолгон аялга алмашты. Отуз беш жашка чыгып, орундуу сүйлөп, Замирдин көңүлүн алган жубайы. Азаттын Замирге алмашып калганы болбосо, ошо жашоосуна кайрылып келгендей, арадан эч нерсе өтпөгөндөй туюп кетет. Бирок өткөн күндөр болуп, өтүп кеткенин далилдегендей анын жүрөгүнө өзүнүн кетпес изин салганы анык эмеспи.

*** *** ***

Дагы бир адам баласынын жүрөгүнө из салган чуу башталганы калды. Ошол күнү Бейшен күндөгүсүндөй эле мечитке келип, кайра макаласын көтөрүп алып редакцияны көздөй басты. Макаласын секретарь кызга таштап коюп, анан кайра жөнөгөндө жолдон киоскиге кайрылып гезит алды да, мечитке келип өз бөлмөсүнө кирип, гезитти окуй баштады. Эч нерседен шеги жок эле гезитке үңүлүп олтуруп, жүрөгү болк дей түштү. Анткени: "Түнкү дем салуунун ыкмасын Бейшен ажыдан үйрөнгүлө, эй!" - деген сапты окуп, көзү чакчая: "Бул кайсы акмактын мага карай атылган огу болду экен?" деп ойлоп, макаланын аягын карады эле, "Ойгелди Барктабасов" деп бадырайып жазылып турган экен! Эки жагын абайлай карап, бирөө карап тургансып сактана газетаны андан ары окуй баштады: "Кайран молдокең түнкү дем салуунун ыкмасы менен далай кыз-келинди махабаттын туу чокусуна чыгарса дагы, бир бечара кыздардын убалына калып кабагым кашым дебей жүргөнүнө баракелде!".. .

Бейшен андан ары окугусу келбей, гезитти коюп койду да, столуна чалкалай олтуруп: "Өткөн өтүп, мезгил, убакыт баары өзгөрүлбөдү беле, бул кайдагыны козгоп мени эл алдына уят кылып жатат, ыя, шашпа, сага эле бирди көрсөтпөсөмбү!" - деп чечкиндүү ордунан туруп, колуна кагаз-ручкасын кармай арыз жазууга киришти да, кайрадан ойлонуп: "Макаланы толук окуюн да, анан жазайын", - деп, кайрадан гезитти колуна алып карап кирди: "Сиздер сыйлап жана урматтаган Бейшен Сагынбаев мындан бир нече жыл мурун сегизинчи класстын окуучусун зордуктап салды делинген, андан соң эч бир жигин билгизбей жүрө берген, азыр болсо "ыйман чакырыктарын" гезиттерге үзбөй берип келаткан азамат экен, эй!" - дегенге келгенде муштумун түйүп туруп үстөлдү бир муштап алды: "Бетпак, эми ачыкка чыгаргысы келип бирөөгө айтып койгон экен да, эптеп акча менен анын оозун жабыш керек", - деп ойлоду: "Ушунча жыл өткөндөн кийин кандай келесоо мойнуна койо алат, мен оңой карышкыр эмесми-ин". Ал кайрадан ручкасын алды да, арызды жазууга киришти:

Кемин райондук сотуна

доогер Сагынбаев Бейшен, Торгой көч., 30.

жоопкер Ойгелди Барктабасов

Арыз

менин арыз жазып кайрылып олтурганымдын себеби: Мени "Бешим" гезитинин №50 санына Ойгелди Барктабасов жөнү жок жамандап, адамдык абийириме доо келтиргендиги жана молдолук касиеттүүлүгүмдү эл алдына маскаралагандыгы үчүн жалган жалаа жаап ушак таратып мага моралдык оор зыян келтиргендиктери үчүн "Бешим" гезитинин редакциясынан 10 миллион сом өндүрүп берүүңүздү,

Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 16-статьясынын негизинде Ойгелди Барктабасовго да 10 миллион сом айып салып, менин пайдама төлөтүп берүүңүздү өтүнөм.

Арыз ээси

Б. Сагынбаев,

Бишкек ш., 2. 10.. .

Арызга "Бешим" гезитинин сандары тиркелди.

Бейшендин жүрөгү дүпөйүл болгону менен, арадан өтүп кеткен узак жыл аны сооротуп: "Ушунча жылдан бери сыртка чыкпай катылып келген окуяны жокко чыгарып коюуга неге болбосун? Кыскасы, колумда акча турганда эч качан коркпойм.. . ", - деп компоюп алат. Иши жүрүп, кассасына түшүп жаткан акчасынын эсебин алып: "Кайсы сотко кандай кылып сүйлөшсөм экен, алар деле адам эмеспи, акчага баарын сатып алууга болот эмеспи", - деген тыянакка келип, берген арызы жөнүндө сотко кайрылып, адвокат жалдоого киришти.

Ошентип өзү менен өзү болуп жүргөн кезде анын кабыл алуусуна Каныш келди. Аны көргөн Бейшен:

- Кел, кел, эмне жумуш? - деп сурап калды.

- Келдим, зарыл жумуш, - Каныш күлмүңдөй сүйлөп, ага жагынгандай түр көрсөттү. - Сизге келгенимдин себеби биздин "үйгө" бир жаш кыз түштү, кийинчерээк көңүлүңүз кирдеп, ойлуу болуп кеттиңиз, ошол кызга көңүл буруп койбойсузбу?.. .

- Мм, ал кайсы жерден болот экен, ата-энеси бар бекен?

- Ата-энеси жок экен, бир тууган жеңеси үйдөн кууп чыгыптыр.

- Болуптур анда, өз макулдугу менен келген бекен?

- Ооба-ооба, , өзү эле, жашоо кыйындап, ал турсун бир сындырым нанга жетпей калса, анан келген да.

- Анда макул, сүлкүлдөйсүң да, кургурум, деги мага нааразы эмессиңби, экөөбүз деле бир күнү жолугушуп койсок болор эле, убакыттын тардыгын кара.

- Аны бир айтасызбы, эки айтасызбы, мен деле баягы жаш кездегидей өзүңүздү эңсеп.. .

- Ай атаңдын көрү жалган жашоо ай, сен каалап жүргөн болсоң анда сөзсүз жолугушубуз керек!

- Качан, чын айтып жатасызбы?

- Эмнеге калп айтмак элем? Чын айтып жатам.

- Анда сизге ырахмат, тигил кызды жуунтуп даярдай берейинби?

- Сөзсүз даярда, кыскасы ал кыз кийин доо коюп жүрбөсүн?

- Жок-жок, андай болбойт, өзү келип жаткан кыз кайсы доону коймок эле?

- Макул, сүйлөштүк анда.

Каныш чыгып кеткенден кийин Бейшен орундукка чалкалай отурган калыбында көзүн жума ойго чөмүлдү.. .

.. . Жеңеси кеткенден кийин кыз эч нерседен шек албай дартына дабаа издегендей молдодон үмүтү күч болуп олтурду. Бейшен анын маңдайына олтуруп алып көзүн жумуп, оозун кыбыратып көпкө-өө олтурду. Аңгыча эшикке караңгы кирип, жылдыздар асманда сырдуу жыбырай баштаганда ал ордунан турду да, чыныга суу куюп алып сыртка коюп келди. Анан Айзуураны сынай карап:

- Сырткы кийимиңди чеч! - деди эле, ал үндөбөй чечип кирди. Анын маңдайына кайрадан чөк түшүп олтурган Бейшен дагы оозун кыбырата окуй баштады. Көптөн кийин убактысы болуп калгандай алакан жая бата кылды да, сыртка койгон чыныдагы сууну алып кирип:

- Муну ичип, калганын бүт денеңе шыба, ошондо шыпаасы тийет, - деди. Айзуура анын айтканын жасап олтуруп, суу түгөнгөндө чыныны ары койуп олтуруп калды эле, Бейшен анын артынан келип жоолук менен оозун байлап, төшөккө жыкты да, алсыз жаш кызды заматта тырпыратып өз ишин бүтүргөндөн кийин жоолукту алды эле, анын талмасы кармап, көзү аңтарыла, оозунан шилекейи агып калган экен. Чоочуп кетип келме келтирип, кызды көтөрүп жаздыкка жаткырып койду да, кыңкайып жатып уйкуга кирди. Бир маалда уңулдаган үндөн чоочуп ойгонуп кетип өйдө болсо Айзуура ойгонуп алып ыйлап жатыптыр. Ал Бейшендин ойгонгонун көрүп:

- Шашпа, сага көрсөтпөсөмбү, молдо болбосоң кара жерге кир, акмак! - деп кыйкырып жибергенде Бейшен аны сооротууга киришти.

- Чоң кыз, эмне болду, кечинде периштелер келгенде коркуп кетип талмаң кармап калбадыбы, - деп жатты.

- Калп, жүзү кара, жек көрөм, акмак! - деген Айзуура солуктап олтуруп басылгансып калганда жеңеси келип алып кеткен…

"Ошондо билинип калса сөзсүз түрмөгө түшмөкмүн, эми эч нерсе эме-ес, сөзсүз бир айласын табыш керек", - деп ойлонгон Бейшен ордунан туруп кезектеги махабаттуу түндү ойлоп жылмайып алды.

Каныш аны чыдамсыздык менен күтүп жатканда он төрттөгү Гүлшан ичинен кабатыр болуп: "Кандай адамга туш келээр экемин, тагдырым ушул тура, ойноп-күлүп ата-энеге эркелээр чагымда ушул күнгө туш болдум", - деп жыландан корккон чымчыктын балапанындай үрпөйүп улам ачылган эшикти карап олтура берди. Бейшен келээри менен Каныш ага калыңдап төшөк салып, алдына тамак-ашын жайнатты. Аны көрүп олтурган Бейшен жылмая минтти:

- Оо Какиш, менден мурда дагы конок күткөнсүң го, ээ?

- Кайда-ан, сизди гана күтүп олтурам, бүгүн сиздин.. . - деп тамашалай сөз сүйлөмөк болуп келатканда Бейшен колун көтөрүп койду эле, унчукпай калды.

- Сен өз ишиңе так бол, башкага кийлигишпе, ал эми калганын көрө жатаарбыз.

- Макул, молдоке, - деген Каныш сырдуу жылмая көзүн кылгырта олтуруп калды.

- Ошондой десең, сыйлачу жерде сыйлашып, ойноочу жерде ойноп жүргөн жакшы.

- Эмесе акыркы заказной бөлмөгө кире берсеңиз болот.

- Жакшы болот, эмесе мен кеттим. - Бейшен жай басып акыркы заказной бөлмөнү карай баратты. Бул бөлмөгө атайын заказ менен чоңдор, кызматкерлер келишчү. Ал жерде алардын атайын кыздары да бар эле.

Сырттан кирип келген Бейшенди Гүлшан көз ачып да карабады, "качан келип басып калаар экен?" деп жүрөгү түрсүл кагып, жаш эликтин чаарчыгындай көзүн жумуп олтура берди.. .

Байкуш кыз үчүн таңдын атмагы кыйын болду. Бейшен канчалык жаш кызга үйрүлүп түшүп өзүнө үйүр алдырууга аракет кылганы менен эликтей секирген кыз анын сөзүнө көнбөй:

- Мени өз жайыма коюңуз, аргасыз ушул күнгө дуушар болуп олтурам, менин жашоом сизди кызыктырбай эле койсун, ишиңиз бүттүбү, болду, жолуңузга түшүңүз, ансыз да жүрөгүм канга чыланып уу ичкендей түтөп турам.

- Жок, садагасы, мен эч кайда кетпейм, перидей болгон жүзүңдү башкага ыраа көрбөй турам, мен ушул махабат үйүнүн кожоюну болом, тагдырың менин колумда, андан көрө.. , - деп кызды кучактамак болгондо кыз чаңырып жиберди:

- Аюудай болуп мени токолдукка алганы турасыңбы, чоң атамдай кылып өмүр бою сенин койнуңда кантип жашайм?! Андан көрө өлүп тынганым артык, көрсө мен азуулуу карышкырдын чеңгелине түшкөн экенмин да, каалагандай пайдалангың бар тура, ээ? Андан көрө сыйың менен мени койо бер, бул жерге өз эрким менен келгем, эми өзүм кетейин, сенин акчаңдын да кереги жок, тебелендим, соолуган гүл болдум, аргасыз ушул күнгө туш келдим, жетимдигим арманым.. . - Гүлшан ботодой боздоп, чөгөлөй отуруп бетин эки алаканы менен жаап алып ыйлап жатты.

- Жо-ок, Гүлшан, ойлончу, сени кор кылбайм, эгер менин айтканыма көнүп, макулдугуңду берсең, үстүңдө үйүң, астыңда машинаң, дүнүйө-мүлк баары болот, болгону сен менин агарып аткан таңым болуп жүрөгүмдү жашартып, коюнумда булайып кут түшкөндөй балбылдап өмүрүмдүн шам чырагын жандырсаң болду.

- Жетимдигимдин айынан жеңеге батпай, күнүмдүк кара курсактын азабынан жумуш издеп жүрсөм ушул аял мага жолугуп жакшы жумуш таап берээрин айтып ээрчитип келген. Көрсө… көрсө жумушу ушул тура, кантмек элем, аргасыз көндүм го, дагы эмне керек?! Түнү бою картаң чалдын коюнунда жатып тапкан акчам мага канчалык береке берээр экен, эми бул жерге бир мүнөт да тура албайм!

Бейшен үндөбөй каалганы жаап сыртынан бекитти да, чыгып кетти. Анын бөлмөдөн чыгышын эле күтүп тургандай алдынан Каныш чыкты.

- Кандай, молдоке, көөнүңүз ачыкпы, кыз жактыбы?

- Жакканда кандай дейсиң, абдан жакты, бирок кыз улоо болуп жатпайбы. - Ойлуу сакалын сылап туруп: - Эмнеси болсо да сөзсүз көндүр, Каныш, мен бул кызды аялдыкка алам, бир сыйра кийим кийгиз да, тамак-ашты жакшылап бер, байка, качып кетип жүрбөсүн.

- Макул, молдоке, аракет кылам. - Каныш узап бараткан Бейшендин артынан караган бойдон бир топко турду да, Гүлшан турган үйгө баш бакты. Аны көргөн кыз ордунан тура калды да:

- Мына таап берген жумушуңуз абдан сонун экен, жанагы адам сизге канча төлөдү мен үчүн, ачык айтсаңыз деле болмок, мына мен кордолдум, кыз атыман жаңылдым. Эми мени койо бериңиз, бир тыйындын да кереги жок, арамдан акча таап нан жебей жерге кирейин, андан көрө кайыр сурап жашабайт белем?!

- Койчу эми, кызым, жөн эле кыйнала бергенде болмок беле, ал киши сени төбөмө көтөрүп багам, машина, үй, баарын белек кылам деп жатпайбы, ойлон, кызым, ал киши көрүнгөнгө эле антип айта бербейт, ушундайда пайдаланып калганың оң, чалкалап үйдө олтурсаң жаманбы?

*** *** ***

Гүланда менен Замир шаарга келип батир жалдап жашап калышты. Жашоо кызык, бирок табышмак эмеспи. Замир максатына жетип, өзү жактырып үйлөнгөн жарына үйрүлүп түшүп турчу болду. Бирок ал ошенткен сайын Гүланда суз тартып, Замирдин үйрүлүп түшкөнү Азаттын мамилесин эске салып, эзиле берди. Ошол күнү да Гүланда ойлуу, Замир жумуштан келгенче тамак-аш белендеп жүргөн. Сырттан кобур-собур үн угулуп, кулак түрүп калганда бакылдаган Замир кимдир бирөөлөрдү үйгө ээрчитип кирип келе жатты.

- Киргиле, мына биз ушул жерде жашайбыз, буйруса келээрки жылы үй алабыз, азырынча.. . - деген ал каалганы ача бергенде кирип келе жаткандарды караган Гүланда турган ордунда кыймылга келбей катып калды, - бул жеңеңер, ушундай болуп калды, киргиле, жакшылап жеңең менен таанышып дегендей.

- Саламатсызбы? - Айша аны таанып туруп таанымаксан боло сыр бербей кол сунду.

- Жж-жакшы, келгиле, - Гүланда төргө төшөк салымыш болгон менен жүрөгү кабынан чыкчудай лакылдап, өзүнчө бушайман боло берди: "Деги буларга кандай байланышы бар болду экен, апасы, Азат - баары эле катышкандай кимиси болот буларга?"

- Гүкү, бул менин Россияда жүргөн иним, тигил болсо келинчеги.

- Аа-а, Жакшы-жакшы, , - Гүланда өзүнө келалбай дале кыйнала берди.

- Жеңе, кандай денсоолук? - Айша билмексен боло жүрөктү канжар менен тилгендей суроо берди.

- Жакшы, өзүңөр кандай келдиңер? - зорго үн катты.

- Баары жайында, сизге деп атайы белек алып алгамын, жагаар бекен деги, мындай сулуу жеңем бар экенин билгенде.. , ничего, мындан ары сөзсүз сиздин табитиңизге жакканын тандайбыз, - Айша тамашалай Замир сыртка чыгып кеткенде чымчый сүйлөп, сумкасынан алып келген белегин алып чыкканда Гүланданын көзү алая түшүп, оозуна сөз кирбей туруп калды. Анткени ал Гүланданын өзүнө жаккан, жаңыдан Азатка чыгаарда өзү сатып алган көйнөктүн өзү эле. Айша аны билбесе дагы атайы жаңы абысыны үчүн сатып алган болчу. Ал өзү да муну сезип уялгансып, бир жагы: "Чырактай болгон менин агамды чанып тийген эри менин кайнагам болуп калганын карасаң, өткөндү эстеп азап жесин, өзүнө чала!" - деп ичинен ойлонуп койду. - Кандай, жеңе, менин алып келген белегим сизге жактыбы? - Айша жадырай күлдү.

- Ооба-ооба, , жакпай анан, рахмат силерге.

- Эчтеке эмес, сиздин жаныңыз бек, көйнөктүн жаны морт болсун.

Гүланда тамак-аш жасап жүрүп деле ар кайсы ойлорду ойлоп кыжаалат боло берди, анын ойлору бир жерге токтобой: "Ушунчадан кайынсиңдиме абысын болуп калганымды кара, кудай аа-ай, мен Азат менен жашап жүргөндө кичинекей эле кыз эмес беле?"

- Гүкү, сен эмне эле кабак бүркөп калдың, же менин инимдин келишин жактырбай жатасыңбы?

- Жок-жок, жөн эле башым ооруганынан..

- Дары ичип алчы анда, эмне, катуу ооруп жатабы?

- Ооба, катуу ооруп турат.

*** *** ***

Биринчи арызы боюнча жыйынтык болбогонунан, Бейшен анын артынан дагы эки жолу арыз жазууга аргасыз болду. Бул жолу ал Свердлов райондук сотко кайрылды:

"Ойгелди Барктабасов "Бешим" гезити аркылуу: "мага койгон доодон баш тартып, килтейген суммадан бекер айныган жок, "Бешимдин" шарынан корктубу, же эскермелер эсине түштүбү?" деген сөздөрүн жазып, Ойгелдинин материялы жарыяланып атайын төрт жолу менин адамдык ар намысыма шек келтирип, абийиримди төгүп, шылдыңдап дагы бир жолу моралдык чоң зыянга учуратты.

Ошондуктан Ойгелди Барктабасовго баардык оордотуучу жагдайларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 127-статьясынын 3-бөлүгү, 128-статьясынын 2-бөлүгү менен иш козгоону улантып, мени жамандап жана шылдыңдап өтө оор оройлук менен каралап жаткандыгы үчүн жана менин адамдык ар намысыма орду толгус зыян келтиргендиги үчүн көрсөтүлгөн статьялардын бөлүктөрүнүн негизинде катуу жазага тартылуусун суранам.

Арыз ээси:

Б. Сагынбаев".

Бу жолкусунда Бейшендин арызы өндүрүшкө алынып, Ойгелди Барктабасовго чакырык кагаз жиберилип, Исаев деген салабаттуу сотмырза ишти карамак болду…

… Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун курамында:

1. Төрагалык кылуучу Исаев Т.

2. Секретары - Култаева Э.

3. Адвокат - Нуртаев Т. катышуулары менен ачык сот жыйын жекече айыптоо боюнча 127 ст. 3б., 128-ст. 2б. менен айыпталган Ойгелди Барктабасовдун кылмыш иши каралат.

Сот жыйын ачык деп жарыяланат.

Доогер Б. Сагынбаев,

Жоопкер О. Барктабасов.

Адвокат ордунан туруп, эки тарапты тең карап алды да:

- Бейшен Сагынбаев жөнүндө молдо эмес экендиги тууралуу справканы тиркеп коюуну өтүнөм.

Доогер: колдойм.

Жоопкер: каршылык жок.

Жоопкер: "Бешим" гезитиндеги сүйлөм меники эмес.

Адвокат: тааныштым, каршылык жок.

Доогер: каршы жок.

Соттун төрагасы Т. Исаев Б. Сагынбаевдин арызын окуйт.

Жоопкер: Таанышып чыккам, күнөөмдү толугу менен мойнума албайм.

Адвокат: Сот өзү айтсын.

Сот токтом кылат:

Соттук изилдөөнү Сагынбаев Бейшенден баштап, андан соң Барктабасов Ойгелдинин сөзүн угалы.

Сагынбаев Б. : Мен арызымды толугу менен колдойм. Себеби бул сүйлөмдөр толугу менен О. Барктабасовдуку. Ошондуктан 127-ст. 3б., 128-ст. 2б. менен иш козгоп, О. Барктабасовду жоопко тартууну өтүнөм. Бул сөзүмдү тиркеп коюуну суранам.

Адвокат: Ошол жазылгандай, 8-класстагы кызды зордуктаганыңыз чынбы?

Доогер: Жок, андай болгон эмес. Мен 8-класстын окуучусун зордуктаган эмесмин.

Жоопкер: Ал кыздын өз колу менен жазылган тактамасы бар, доогер аны ооруп дем салдырганы келгенде зордуктап салган.

Доогер: Калп, баары жалган, мен аны физический эмес, руханий зордуктагам.

Жоопкер: Кыздын аты Айзуура Бектемирова. Ата-энеси бар, ушул кезде "Бешим" гезитинде иштейт. Доогер менен бир күнү жолугуп калып уруша кетишкенде редактор Бешимканов көрүп калып кабинетине чакырып кирип сүйлөшүп жатканда Бейшен Сагынбаев качып кеткен.

Адвокат: Сиз ошол кызды жана редактор Бешимкановду алып келе аласызбы?

Жоопкер: Бектемированы алып келе алам.

Төрага: Келерки сот жыйыны эмки аптанын бешинчи күнү саат 5-00гө белгиленет.

Аңгыча болжогон күн да келип калды. Күбөлөр А. Бектемирова, Бешимкановдор да келишти.

А. Бектемирова сот залынан чыгарылат, күбө Бешимканов суроолорго жооп бере баштайт:

- Мен О. Барктабасовду да, Б. Сагынбаевди да тааныйм, карама-каршылык жок. Өзүм көп жылдан бери "Бешим" гезитинде редактор болуп иштейм. Бизге А. Бектемирова келип иштеп калды. Бир жолу Айзуура Бектемированын ыйлап турганын көрүп: "Эмне болду?" - деп сурасам көптөн кийин гана: "Мени 8-класста окуп жүргөнүмдө Б. Сагынбаев зордуктап койгон, эми жолугуп калып кайра сөз айтып жатат", - деди. Мен Бейшен Сагынбаевден сурадым. Эгер чын эле куранга ишенген, ыйманга чакырган молдо болсо, мындай кылмак эмес.. .

Сот залына күбө А. Бектемирова чакырылат.

А. Бектемирова:

- Мен Б. Сагынбаевди 1989-жылдан бери тааныйм. Карама-каршылык болгон.

Ойгелди Барктабасовду 1991-жылдан бери билем.

Мен 8-класста окуп жүрүп ооруп калганымда ата-энем молдо-кожого көргөзүп жүрүп, ушул молдо Б. Сагынбаевди кыйын молдо деп угуп, мени алып барышкан. Анан мага дем салып туруп: "Кызыңарды түнкү саат 12ден кийин, асманга жылдыздар толук чыкканда окуйм, анткени түнкү дем салуу абдан таасирлүү", - деп мени алып калган. Ата-энем кетип калгандан кийин мага дем салып жатып: "Сен меники болосуң", - деп баса калып зордуктаган. "Мага тийсең оорубайсың", - деген болчу. Күч колдонду.

Жоопкер: Бул сиздин оюңуздан чыккан сөз эмеспи?

Айзуура: Жок.

Адвокат: Ошол убакта неге сотко арызданган жоксуз?

Айзуура: Ата-энемдин эл алдында уят болушун каалаган жокмун. Атам Б. Сагынбаевди иштеген жеринен кубалап жиберген. Экинчи барбайм деп ыйлагам. Көргүм да келбейт бул кишини, мага денеме да, моралдык да зыян келтирди. Ошондо мен он беште болчумун. Бул окуяны жеңеме гана айткам.

Адвокат: Сиз жөнүндө гезитте жазылып жатканга кандай карайсыз?

Айзуура: Газетада менин аты-жөнүм жок, демек каршы эмесмин.

Доогер Б. Сагынбаев: Мен сизге физикалык зыян келтирдим беле?

Айзуура: Моралдык да, физикалык да баскындык болгон сизден.

Соттун суроосуна Б. Сагынбаев жооп берет:

- А. Бектемирова атасы менен келген. Зордуктоо болгон эмес.

Соттун суроосуна А. Бектемирова жооп берет.

Сот: Сизди ким зордуктаган жана эмнеге убагында чара көрүлбөгөн?

Айзуура: Мени Б. Сагынбаев зордуктаган. Мен жеңеме гана айткам. Анан күндөлүгүмө жазчумун. 15. 04. 89-жылы болгон. Андан кийин мектепти бүтүп шаарга келдим.

Сот: Сизге Сагынбаев качан жолукту эле?

Айзуура: Акыркы жолу быйыл октябрь айында келди. Жалган деп ак баракка жазып бер деп келди. Мен болбой койдум. Кийин бир жумадан кийин дагы келип, 500 сом берген. Мен андан: "Бул эмне, оозбасырыкпы?" - деп сурадым.

Сот доогерге суроо берет:

- Сагынбаев, сиз эки жолу барган белеңиз?

Б. Сагынбаев: Ооба, баргам, жардам катары 500 сом бергеним чын.

Адвокат: Андан кийин сиздин иштеп жаткан жериңизге келдиби?

А. Бектемирова: Ооба, "Бешим" гезитинде иштеп жүргөндө келип: "Мен сага келген эмесмин, редакторго келгем", - деп кирип кеткен.. .

Адвокат: Сизди Б. Сагынбаев зордуктаганы тууралуу ким далилдеп бере алат?

Айзуура Бектемирова: Жеңем менен эжем, анткени алар менин тытылып, ыйлап барганымда көрүп жини келип, молдону тытып жейбиз дешкенде ата-энем тыйып койгон.

Сот тыныгуу жарыялап, кийинки сот жыйынын келерки айдын башына белгиледи.

Сот жыйыны уланат.

Күбөлөр келген жок.

Адвокаттан өтүнүч:

- Ойгелди Барктабасов "Бешим" гезитине сот чечими чыгалекте сот процесси өтүп жаткандыгын жарыя кылгандыгы үчүн кошумча арыз тапшырабыз.

Жоопкер О. Барктабасов: Мен арыз менен сөзсүз таанышып чыгышым керек, убакыт бериңиз.

Төрага тыныгуу жарыялады.

Кийинки сотжыйыны уланганда жоопкер Ойгелди Барктабасов кошумча арыз боюнча макул эместигин билдирди. Ал болгону интернетке гана чыгарганы тууралуу айтып: "Бул шылтоо гана, антпесе жаш кызды, болгондо да он бештеги кызды зордуктап коюп, "мен молдомун, мен таптазамын" деп басып жүргөнү адамгерчиликке жатпайт, мен эмес жоопкер, дал ушул молдонун кейпин кийген зордукчулдун жазасын бериш керек, канча кыз-келиндин убалына калып жатат. Сот бул ишти калыстык менен чечет деп ишенем", - деп айтты.

Соттук изилдөө уламдап отуруп, акырына жакындап баратты. Башында доо арыз менен кайрылган Бейшен эми буту күйгөн тооктой байлыгын чачып болсо да өзүн актап чыгууга далбастап жатты. Бирок баары сүйлөшүп алгансып, анын байлыгынын эч нерсеге арзыбай турганын, аны угуп да коюшпаганын көргөндө аргасы кетти.

Сот жыйыны үчүнчү жумада кайрадан өз ишин улантууга киришти.

Адвокатка сөз берилди:

- Урматтуу сот, мен жактап жаткан Б. Сагынбаевдин айтканында чындык бар, анткени кыз ал кезде талмалуу болсо башка бирөөлөр зордуктап салганын өзү билбей калган го.

Жоопкер О. Барктабасов: Урматтуу сот, бул айыпты кыз өзү далилдеп жатпайбы. Анысы аз келгенсип он беш жылдан кийин бечара кыздын иштеп жаткан жерине келип дагы аны тынч койбой: "ойнош болбойлубу, эми деги кыз эмессиң", - дегени адамдык касиеттүүлүк эмес деп ойлойм, себеби бул кезде Айзууранын авторитеттүү жумушу, күйөөсү, баласы да бар эмеспи.

Адвокат: Мен буга кошула албайм, андай болушу мүмкүн эмес.

Доогер Б. Сагынбаев: Мен дагы, анткени бу жалган сөздөр.

Жоопкер О. Барктабасов: Урматтуу сот, бул Б. Сагынбаевдин кесирдүү иштеринин натыйжасында турмушунан ажырап, азап чеккен аялдар келип жатат.

Сот: Алар кайда?

Жоопкер: Сыртта бирөө турат, чакырсам болобу?

Сот: Чакырыңыз.

Сырттан Гүланда кирет.

Сот: Сиз кимсиз, эмне максат менен келдиңиз?

Күбө: Мен Гүланда Кадыровна Апасова болом. Кочкорлукмун, 1990-жылдарда мен Кочкордо бир балам, жолдошум үчөөбүз жашачубуз. Менин башым катуу ооруп, кусуп калганымда бул кишиге дем салдырып жүрүп жакшы болуп кеткем, анан бул киши мени көз көрүнөө буза баштады.

Сот: Анан?

Гүланда: Анан эле өзү мага асылып: "Жүр мени менен, жомоктогудай жашатам, сенин күйөөң жаман тура", - деп буза баштады. Мен жаш, анан сулуу элем, өзүнө макул болгон жокмун, бирок көңүлүм бузулуп, күйөөмдөн кетип калып, ушул убакка чейин азап тартып жүрөм.

Адвокат: Сизди ошол дем салып жүргөн кезде зордуктады беле?

Гүланда: Ооба, кээде үйүмө да барып калчу, мен күйөөмөн коркуп: "Күйөөм келип калат!" - десем да болчу эмес.

Сот: Бул жерге кантип келип калдыңыз?

Гүланда: Мен гезиттен бир окуганмын бу журналист менен бу молдонун соттошуп кайра элдешкендерин, кечээ дагы элдерден угуп калдым бүгүн соту болорун, атайы кайрылып олтурам, сиздерден суранып кетем, мындай молдонун тонун жамынган жүзүкараны жоготуш керек, өз жазасын тартсын деп суранам, - Гүланда ыйлап жиберди.

Сот: Б. Сагынбаев, сиз эмне дей аласыз?

Доогер Б. Сагынбаев: Мунун баары жалган! Бул аялды тааныбайм.

Жоопкер О. Барктабасов: Тегин жерден чөптүн башы кыймылдабайт, бул келин сизге эмне, сахнада ойногон актрисабы? - жини келе сүйлөдү.

Сот: Адвокат, сиз буга кандай дейсиз?

Адвокат: Айтаарга сөзүм жок. Соттун чечимин гана күтүүгө туура келет.

Ошентип, соттун акыркы бүтүмү теңирден тескери чыгып калды:

Б. Сагынбаев 8-класстын окуучу кызын зордуктаганы үчүн 108-ст. ылайык он жылга соттолду.

Соттун жыйынтыгын угузганда Бейшен Сагынбаевдин кулагы тунуп, башын көтөралбай калды. Залдагы эл чуркурап: "Бети жок! Мындай немени жоготуш керек, молдолорго эми кантип ишенебиз?!" - деп чуулдап киргенде эки милиционер Б. Сагынбаевдин колуна кишен салып, залдан алып чыгып кетишти.

*** *** ***

Гүланда кайынсиңдиси кеткенче: "Башым катуу ооруп жатат", - деп ордунан турбай жатып алды. Айша сыртынан билмексен болгону менен баарын түшүндү, сый коштошуп чыгып кетти. Алар кеткенден кийин Замир Гүланданын асты-үстүнө түшө калып:

- Гүкү, дары ичтиңби?

- Ооба.

- Басылбаса врачка көрүнсөңчү.

- Жок, бир-эки күн үйдөн эле дары ичип көрөйүн.

- Макул анда, - Замир Гүланданын бетинен өөп коюп сыртка чыгып кетти.

Замир Гүландадан күмөн санамак тургай, боору ооруп: "Жакшы болуп калса экен", - деп ойлонуп, ага ыссык тамак жасап берүүнү ойлоп базарга жөнөдү. Гүланда болсо ал чыгып кетээри менен ыйлап кирди: "Тагдырым ушунчалык тайкы беле, кайрадан азап чегүүгө туш болдум, кайдан да буга тийдим экен, мурунку бойдон эле макул болбой койсом эмне?! Баламды жолуктура албай койдум, кандай болуп калды экен?.. Ай кудай ай, же ушундан көрө өлүп неге калбадым экен?!" - деп санаага чөмүп, көз жашын көлдөтүп жатып уктап кетти. Ал уктаары менен бир башкача түш көрдү: түшүндө атасы менен апасы кадимкидей эле өз үйлөрүндө жүрүшүптүр. Сыягы тамактанып жаткандай, алар Гүланданы карап да коюшпайт, анан Гүланда алардын жанына жетип эле алар ичип жаткан тамактан алайын дегенде атасы: "Кой, кызым, бул апаң экөөбүздүн оокат, сен тиги казандан ич, биз апаң экөөбүз мындан ары бирге ичебиз", - дегенде Гүланда: "Мен деле силер менен чогуу ошондон ичейинчи", - деп эркелейин дегенче апасы менен атасы жетелешип алып: "Эми өзүңдүн тамагыңды иче бер, кызым, ана бир казан эт бышып жатат, биз болсо кеттик", - дегенде Гүланда "Апа-аа!" - деп чоочуп ойгонду. Замир анын чоочуп ойгонгонун көрүп жанына келди:

- Эмне болду, Гүкү?

- Эчтеке.. . - Гүланда эч нерсеге көңүлү келбей койду, үндөбөй жатып калганда Замир ары барып тамак көтөрүп келди да:

- Гүкү, кел тамак ичип ал, - деди.

- Жок, көөнүм тартпай турат.

- Кичине ичип алчы.

- Жок.

Ошол бойдон араларында сөз уланбай калды. Замир Гүланданы жылуулап жаап коюп жатып алды. Гүланда ошол түнү таңга маал Замирге билгизбей ордунан туруп кетти.

Эртең менен ойгонгон Замир Гүланданын орду бош турганын көрүп: "Сыртка чыгып кетсе керек", - деп ойлоп жата берди. Таңкы уйку кайрадан анын көзүн илинтип жиберген экен, көзүн ачып күн эбак көтөрүлүп калганын көрүп: "Гүланданын башы басылып калды бекен?" - деп анын жаткан жерин караса дале жок. Ыкшына ордунан туруп кийинди да, сыртка чыгып эки жакты карап, ажатканага барса аякта деле жок. "Кайда кеттиң?" деген ойдо үйгө кирип: "Келип калаар" деп жаткан жерин жыйнаштырды да, жуунуп алып аарчынайын дегенде стол үстүндө турган ак кагазга көзү түштү. Аны алып ачып караганда гана Гүланданын каты экенине түшүнө коюп, окуганча шашты:

"Замир, мени кечирип кой, тагдырым тайкы, багым жок жаралган турбайымбы. Сен экөөбүзгө тоскоолдук болчу нерсе - Азат менин күйөөм, Айша - кайынсиңдим. Эми мен сени менен жашай албайм. Аларды көрүп туруп сени менен кантип тынч жашамакмын. Сен мага капа болбо, мени издебе, унут, биздин чала тагдыр кошулду да ажырады, арга канча, кош бол!

Гүланда.

29. 04.. . . "

Замир катты окуп бүткөнчө колу калтырап, көзү караңгылап, шалдая олтуруп калды: "Эмнеге эле башым деп жатып калды десе.. . Көрсө ошондой тура, эмне болмок эле, жашай берсек болбойт беле, же мен андан бузуп алдым беле? Кетсе да күндүзү эле айтып анан кетпейт беле.. . " Замир ар кайсыны ойлонуп олтуруп, эртең мененки тамагын ичпестен жумушуна кетти.

Бул учурда Гүланда паркта көзүнүн жашын көл кыла ыйлап олтурган болчу. Акыры ал өзүн өзү токтотуп, баарына кайыл боло чечкиндүү түрдө айылга апасына кетүүнү чечти да, эртеси эрте туруп толчокко барып таанышынан жолуна акча сурап алды да, айылды көздөй кетчү автобуска бара жатып Бейшен молдонун соту болуп жатканын угуп калып, сотко кайрыла кетүүнү ойлоду.. .

Ошонун эртеси айылга кетчү автобус менен үйүнө кирип келди. Келсе апасы ооруп төшөктө жаткан экен, Гүланданы көрүп башын көтөрүп араң зорго муну сурады:

- Садага, өзүң эле келдиңби, Замир көрүнбөйт да?

- Ооба, апа, өзүм эле келдим, - Гүланда андан ары сүйлөй албай ыйлап жиберди.

- Эмне болду, кагылайыным, көз жашыңды көрбөйүн дедим эле, олдо кудай ай, тынччылыкпы деги?

- Ии, жөн эле, сиздин ооруп калганыңызды көрүп эле.. .

- Аа-аа, ошондой эле болсунчу, садага, өлөөрүмдө сенин көз жашыңды көрүү кандай арман, айланайын, андан көрө Замир эмне келбеди, айтчы?

- Ал.. ал жумуштан колу бошобойт.. .

- Мейли, мейли садагам, ушу сенин көз жашыңды, муңайган жүзүңдү көрбөсөм экен, ээ кудай!

Гүланда үндөбөдү, тек ал апасына арманын айтып, ачыгын түшүндүрүп сырдашууну чечкен эле, эми минтип абалы оор болуп турган немеге айтууну туура көрбөдү.

Күндөн күнгө Салкын эненин абалы оорлоп олтуруп, Гүланда келгенден кийин эки жумада барып көз жумду. Гүланда оор кайгыны өз кайгысына кошуп көтөрө албай өзүн жоготуп койду. Кудагыйына көз көрсөтүп, топурак салуу үчүн келген Керим кемпири экөө Замирдин эмне келбей койгонуна көздөрү жетпей, аны чакыртып алышты. Апасын койгондон бери көзүн ачпай жатып калган Гүланданы ооруканага жаткырышты. Замир ата-энесине ооз ачпады, эч нерсе болбогондой жүгүрүп жүрө берди. Үч күн дегенде зорго өзүнө келген Гүланда маңдайында олтурган Замирди көрүп көзүн ачып-жума таанып-тааный албай жатып, анан башын ары буруп кетти.

- Гүкү, Гүкү, кандай, жакшы болуп калдыңбы? - Замир Гүланданын эки жагын кымтылап, чачынан сылай үн катты. Ал үндөбөдү, көзүн жумуп жата берди. - Гүкү, атамдарга эч нерсе айтпай эле кой, эми жашоо деген ушундай болот тура, мен сага эч нерсе дебейм, бул тагдыр, Азат деле жакшы жигит. Ал эми өткөн нерсе, боло берет жашоодо, өзүңө кел, баарын унут!

Гүланда эч нерсе укпагандай жата берди, Замир анын колунан кармап жанында көпкө отурду.

Ооруканада бир жумадан ашык жаткан Гүланда үйүнө чыгып келди. Апасынын ырым-жырымын жасагандан кийин Керим кемпири экөө келип куран окутуп анан Гүландага кеңеш берип олтурушту:

- Балам, өлөөр кудагый өлдү, ал барчу жерге убакыт жетсе биз дагы барабыз, эми бул үйдү кулптап эле койгондо болбойт, алчуңду ал, айланайын, анан бул тамды бирөөгө дайындап койгула, мал-келди болсо мен эле багып берем. - Керим: "Бул оюмду туура көрөт го", - дегендей келин-уулун карап калды.

- Мен өзүм эле карайм, эч жакка кетпейм дагы, апам өлөөрү менен эле очогунан отун өчүрүп койсом болбойт, мени кызынын жана уулунун ордуна карманып келген эле, жыл маалы, ал турсун өмүр бою ушул үйдө калам! - Гүланда кесе сүйлөдү.

Керим уулун карады эле, ал жер карады.

- Өзүң бил, балам, бирок эч качан кыз бала атанын жерине түбөлүк калчу эмес, элиң-жериң башка, балам.

- Ата-энемдин түндүгүн түшүргүм келбейт, кыз болсом да ордун басам!

- Макул, ата, азыр Гүкү кайгыдан жапа чегип турат, анча-мынча убакыт өтсүн, ойлонот өзү деле. - Замир сөзгө аралашты.

- Апей, сен да биз менен кетмек белең, бул жерде эле кал, Гүкүнү жалгызсыратпай, - апасы сөзгө аралаша кетти.

- Жок, өзүм эле калам, Замир бара берсин.

- Сен кал, балам, келинчегиң ыйлап турса биз менен кетип калганың болбойт, - деген Керимдин сөзүнө Гүланда үндөбөй олтуруп калды. Кайнатасынан иймене Замирди карап тим болду.

Ошол бойдон Гүланда өз үйүндө жашай берди. Замир канчалык айтса да болбоду. Аргасы кеткен Замир ата-энесине чындыгын айтты эле, алар да ойлонуп калды. Акыры атасы:

- Кой, балам, андай болсо жайына кой, өзү билсин, жашоо деген табышмак, бирок ошол табышмактуу жашоонун оорчулугун, азап-тозогун көтөргөн адам көтөрөт.

- Ойго жеңил көрүнөт, жанында бирөө жарым кошо болуп көңүлүн көтөрбөсө жинди болуп кетеби, ботом? - апасы Замирди карады.

- Мени көрсө эле "бар дегенде бар, мен сени менен жашай албайм, мындай күндө мага жолукпай көзүмө көрүнбөй жүрчү. Экөөбүз эми эки бөлөк кишибиз", - деп атпайбы..

Замир кайтып барып жашайын дегенде Гүланда баягы сөзүнөн кайтпай туруп алды.

- Макул, Гүкү, макул, бирок көп ойлонбо, өзүң бил, эми мен жармаша бергенде болбостур.. .

- Ооба, туура айтасың, жашоо меники, ал жөнүндө кабатыр болбой эле кой!

- Жарайт, жакшы кал, - Замир башын жерге сала чыгып кетти.

- Жакшы бар, - Гүланда мисирейген бойдон кала берди.

Убакыт өткөн сайын Гүланда өзүн алаксытып жалгыздыкка көнө түшкөндөй болуп, тагдырдын башка салганына аргасыз баш ийип, билинбестен убакыт сааттай жылып, арадан дагы төрт жыл өтүп кетти. Бир күнү түш ченде Гүланда үйдө олтурса аттын дүбүртү чыгып эшиктин алдына келип токтогондой болду. Гүланда чыга калса улгайып калган адам ага баш ийкей учурашты.

- Амансыңарбы?

- Жакшы, келиңиз, кимди издеп жүрөсүз?

- Аа-аа, менби? Мен атайы эле сизге жолугуу үчүн келдим эле.

- Магабы, кандай жумуш менен? - Гүланда ага таңыркагандай суроо бергени менен көнүп калган эле: жашы кыркка таяп калгандыктан жалгыз жашагандан бери көп жуучу келе берип көнүп калган. Аттан түшкөн бейтааныш адам камчысын сүйрөй үйгө кирди. Гүланда анын артынан басаар-басмаксан болуп кирди да:

- Келген экенсиз, жумушуңузду айта берсеңиз болот, - деп жактырбагандай түр көрсөтө сүйлөдү.

Бейтааныш адам үйдүн ичин абай сала карап, үйдүн таза, тыкан, жыйынчактуу экенине көңүл буруп, олтурууга төргө өтүп баратканда Гүланда:

- Мен шашылыш жумуш менен бир жакка кетип жаттым эле, келген жумушуңузду айтсаңыз.. .

- Карындаш, келген жумушумду айтуу үчүн шашылуунун кереги жок, андан көрө канчалык шашылыш болсоңуз да беш-он мүнөт убакыт бөлүп коюңуз, жай сүйлөшүп бир аз таанышып дегендей.. .

- Жок, убактым жок!

- Андай дебеңиз, апаңыз Салкын эжени жакшы билчү элем, ага дуба окуп койойун, олтур, карындашым, - Бейтааныш адам токтоо сүйлөп, Гүланданын чыртылдаган мүнөзүнүн сесин кайтарып койгондой болду. Аргасы кеткен Гүланда дасторкон жайып, даяр турган чайын алып келгенде тигил бейтааныш адам куран окуп алакан жая бата кылды.

- Эмесе, карындаш, келген жумушуңду айт деп шаштырбасаң да ушунча келгенден кийин айтпай кетмек белем, "адам сүйлөшкөнчө, жылкы кишенешкенче" дегендей, сүйлөшүп, таанышкандан кийин жекжаат болуп калышыбыз мүмкүн.

- Мен.. . менин жумушум бар эле, азыр үйдөн чыкканы тургам.

- Барасыз, сааты чыкмайын жумуш бүтпөйт, андан көрө менин атым Сатымкул, Теңдик айылынан болом. Өзүңдүн атыңды айтып кой, карындашым.

- Менин атым Гүланда.

- Аа-аа жакшы, анда эми келген жумушума өтсөм, менин эки жыл мурун аялым өлүп калган, беш балам бар, баары үйлөнүп-жайланып калды, үйдө өзүм жалгыз калдым, мал-кел кудайга шүгүр, баары жетишет, бир гана өзүңө окшогон аял заты жетишпей турат. Жашым болсо кырк тогузда. - "Айтып бүттүм" дегендей, Гүланданы карап туруп калды. Бул көз карашта: "Эмне дээр экен, кереги жок, жолуңа түш деп басып кетеби?" деген кооптонуу бар эле.

- Мен күйөөгө тийбейм, убара болбоңуз!

- Эмне үчүн? Жашоонун кызыгы да, жыргалы да сизге маани бербейби?

- Жок! - Гүланда ушул саам бейтааныш адамды көңүл бура караганда анын көздөрү сүйкүмдүү күлмүңдөп, кызыл жүзү, кара көз, кара мурут жарашып, аргасыз турган алсыз аялды тайсалдатып жиберди. "Сулуу киши экен, келгенден бери байкабаганымды кара", - Гүланда ушинтип ойлоп алды. - Менин күйөөгө чыга турган шартым жок, ата-энемдин турагын ээнсиретпейин деп ушул жерди пааналап олтурам.

- Түшүнөм аны, бирок ушул турпатыңыз, ушул жаштыгыңыз менен өмүрдөн так өтөм деп ойлойсузбу?

- Кайдагы жаштык, кыркка келдим, ушул курагымда күйөөнү эмне кылам?

- Карындаш, андай десеңиз жаңыласыз, өмүрдүн кызыгы да, жыргалы да кырк жаштан кийин болот, - деп Сатымкул жылмайып Гүланданы караганда ал көздөрүн ала качты.

*** *** ***

Бейшен зонага келип түшкөндө күн уясына кылкылдап батып бараткан эле. Аны 16-номерлүү хатага алып келип кошуп койду. Зона, сүрдүү короо, сырдуу көрүнүш, Бейшендин кандай статья менен келгени бул жердегилерге мурунтан белгилүү болгондой аны баары жаман көз караш менен карап жатышты. Ал күнү кантип уктамак, түн узун, уйку качып ары-бери оодарылып, кыйналып жатты. Көзүн жумса эле жаш кыздар аны көздөй жулунуп, абийирин көрсөтө энеден туума жылаңач болуп алып тегеректеп чеңгелдерине кочуштап алган тамчы кызыл канды ага чачып жатканда селт эле ойгонуп кетет.

Эртеси канчага чейин уктап калганын ким билет, катуу урулган соккудан ойгонуп кетти. Түнү менен уктай албай жатып таңга маал көзү илинген эменин кыйналганы көрүнүп турду. Көзүн ачса жанында эңгезердей кара неме турган экен.

- Эхе-е, кандайсың, мырза, кутмандуу таңың менен! - ал мазактагандай жылмайды.

- Эмне болду, тынччылыкпы?

- Тынччылык болсо үйүңдө жатпайт белең, бул жерге менин маңдайыма келбей эле, - ал каткырып койду.

- Тамашаңды коюп, жолуңа түшчү, мен сенин оюнчугуң эмесмин, мен молдомун, молдону келекелесең күнөөгө батасың. - Ал ушинтсем кудайдан коркуп үндөбөй калат деп ойлоду.

- Ха-ха-ха, молдосуңбу? - кыйкырып күлгөн ал ары көздөй басты. - Көрөбүз, "молдонун айтканын кыл, кылганын кылба" дегендей, сенин молдолугуңду көрөбүз. Аслан! - деп кыйкырды ал. Ошенткенде арытан узун бойлуу, түрккө окшогон жигит басып келди.

- Не болду, паша?

- Тигил молдону коноктоп койолу, өзү молдо экен, каарына калып жүрбөйлү.

- Эң сонун, кайда экен?

- Ана, таарынып калбасын.

- Куп болот. - Аслан Бейшен молдону көздөй басып келди да: - Салам, - деп аны карап көздөрүн ирмегилеп койду. - Бизге жаңы келген конокторду жакшы сыйлайбыз, камтама болбоңуз. - деди да: - Мен дагы экөөнү же үчөөнү чакырып келейин, анткени жалгыз коноктош кыйын го. - Аслан кайра ары көздөй басып кетти. Ошол бойдон көпкө чейин алардын дайыны билинбей калды. Күндүн өтмөгү кыйын болду Бейшенге. Эми кечки тамакты ичип, кечки намазын окумак болгондо баягы эңгезердей неме менен Аслан дагы үчөө болуп аны тегеректеп калды. Ошондо "папаша" деп койчу эңгезердей неме жанындагыларга:

- Муну "конок" үйгө алып баргыла, ошол жерден сүйлөшөлү, - деп басып кетти.

- Жүрүңүз, - Аслан аны жылмая карады, - биздин конок үйдү көрүп келели.

Алардын конок үйү көптөн бери атайын жайга айланган "хата" болчу. Бейшенди ал жерге ээрчитип алып баргандар четке тура беришти эле, "папаша" аны айлана басып, чыйт түкүрө, жылмая карап:

- Эмесе баштайлы, - алаканына түкүрө, - кана балдар, карап тура бербей жардам бергиле! - деди да, Бейшенге карап: - кана, кийимиңди чечип, даярдана бер! - деди.

- Эмнеге, чечинбейм! - деди Бейшен ага карап.

- Бул молдонун каяшасын угуп чыдап турасыңарбы? - деп жиндене жанындагыларга карады эле, алар Бейшендин шымын чечип жиберишти. Ошентип Бейшендин үнү кудайга жетип, аял катары эркектикин кабыл алып, намысынан өлгүсү келип турду. Аны бир ай бою ичип алганда же аял күсөгөндө паша пайдаланып, моокуму канып кезектеги 108-ст. менен келген жигит пайда болгондо башкасына өткөрүп берди.

Ошол кезде Бейшен бул зонадан тирүү чыккысы келген эмес, өлгүсү келген, бирок жашоо деген ушунчалык кымбат да, кызык да болгондуктан, улам эртеңкиден үмүт кылып олтуруп баарына чыдады. Ал ошондо гана өзү кордогон кыздарды ойлоп, боору ооруп, жасаган иштерине жини келчү болду. Эркиндиктин кандай кымбат экенин эми гана сезип, ошол эркиндикте жасаган иштеринин ыпластыгын ойлогондо мөөнөтү бүтүп сыртка чыкканда адам жүзүн кантип караарын билбей, жатса-турса кудайдан кечирим сурачу болду. Беш убак намаз окуп, эртели-кеч жаратканга астейдил сыйынат. Бир күнү ага жолугушуу болду эле, Каныш менен сүйлөшүп туруп мындай деди:

- Каныш, сен мени кечирип кой, сенин турмушуңдун ортозаар болуп бузулушуна да мен күнөөкөр эмесминби, баланы болсо окутуп жатам, мүмкүн болсо аны менин наамыма каттатып алып тиги дүйнө, бул дүйнө жүзүм жарык болсо деген элем.

- Апий ботом, ал эмнеңиз, ал тигил эле күйөөмдүн атына жазылып жүрбөйбү.

- Баланы актап койойун деп ойлогон болчумун.

- Андай болбойт, молдоке, бала ошол билбеген эле бойдон калсын, жашында болсо бир жөн, азыр ал бой жетип калбадыбы, мени эне катары көрбөй басып кетсе.. .

- Андай болушу мүмкүн эмес, түшүнөт да.

- Жок-жок, айланайын молдоке, жардам берип жашоосуна кам көрүп жатканыңызды кудай таразалаар, мен сизди ал үчүн күнөөлөй албайм. Балам бар, бактылуумун.

- Өзүң бил. - Ошону менен сөз бүтүп, коштошуп, эки бөлүнүп кетишти. Бейшен бир аз эс ала түшкөндөй болду. Анткени Каныш ага нааразы эмес экен. Ошондуктан өзүнөн өзү жеңилдегендей өзүнө ыраазы боло жылмайып алды.

Убакыт өтө берди. Арадан дагы он жыл билинбей өтүп, үйүнө кетчү мезгил жетти. Аны үйбүлөсү же бойго жеткен балдары тосуп албады. Баары бир ал үйүнө келди, бирок үйбүлөсү жакшы кабыл албады. Акыры балдарынын бири минтти:

- Койгула эми, атам жаңылса жаңылган экен, бирок кимибизди кор кылды? Эч кимибизди. Азып-тозгон кезде атабызды кор кылып койсок болбойт го? - деп атасын төргө чыгарып сыйлап атты. Ошол арада Бейшендин жети өмүрү жерге кирип отурду.

Эртеси өз абалына келип алып, кадимкидей эле мечитке жөнөдү. Ал ошондон баштап өз ишине так болуп, келин-кызды көргөндө баягыдай көзү кызарып кеткенин койду. Кой оозунан чөп албаган момун болуп төрөлгөндөй.. .

*** *** ***

Гүланда негедир чындап тагдырга баш ийгендей, мындан аркы жашоого кайдыгер көз караш менен өмүрүн өткөрө берди. Сатымкул болсо андан кийин дагы эки жолу келди. Үчүнчүсүндө Гүланданы биротоло үй-жайы менен көчүрүп кетүүгө келди. Гүланда аргасыз макул болду. Жалгыз жашоодон тажады. Сатымкулдун эң кенже кызы гана колунда болчу. Ошентип ал тагдырына кайдыгер боло жана жылдыздуу адамдын өзүнө да арбала жашоо кумарын, өмүр кечин ушул адам менен өткөрүүгө макулдугун берди.

Сатымкул Гүланданын оюндагыдай болду. Кызы да абдан кичипейил, өз энесиндей кабыл алды. Ары-бери караганча үч жыл өтүп, Гүланда баарын унутууга эрки жетпесе да, жарасынын оозу бүтүп, бир арманы - жалгыз уулунун дайынын биле албаганына кыжаалат боло берчү.

Бир күнү Салтанат атасы менен кеңешип окууга тапшырууну айтты. Сатымкул макул болуп, ошол жазда Салтанат Бишкекке жөнөп кетти.

Сатымкул кызын окутууга эч нерсесин аябады. Өзү сергек, мектепти жакшы бүткөн Салтанат дароо эле университетке өтүп окуп калды. Экинчи жылын бүтүп, каникулга чыгаарда Салтанат келбей эле, алакандай кат келди. Ал катта: "Ата, мени кечирип койгула, үйлөнүү тоюма сиздерди чакырам. Өзүм каалап жактырган Бектурга турмушка чыгып жатам. Ата, эгер каршы болбосоңуз, ак батаңарды берип апам экөөңөр тең келип кеткиле!

Бишкек. Салтанат. ".

Сатымкул бул катты алгандан кийин жолго камынды. Гүланда бул кезде санаасы тынып, көңүлү жайланып толуп да, өңдөнүп да калган. Кымбат баалуу кийимдерди кийинип алганда аны Сатымкул да суктана карап койду.

- Гүланда, азыр сен кыз эле болуп калдың. Кызганам го дейм, тойго барганда бирөөлөр тийишсе.. .

- Койчу калп эле.. . Кызганчу учурдан өтүп кеттик го?

- Эмнеге, гүлдөй болуп үлпүлдөгөн келинчегим турса кантип кызганбайм. - Аны Сатымкул карылуу кучагына кысып өөп койду.

- Кой, обу жоктонбо, өзүбүз коноктоп жүрсөк, анан да куда күтүп жатсак.. .

- Туура, байбиче, тамашалап койдум.

Сатымкул менен Гүланда эртеси эле жолго чыгышты. Айтылган адреске күүгүм ченде жетип келишти. Аларды утурлап турган Салтанат менен Бектур тосуп алып, конок үйгө карай баштап кирди. Сатымкул менен Гүланда экөөнү тең өөп учурашышты.

Өмүр кыска, бирок өтө кымбат, жашоо андан да кызык, тагдыр табышмак эмеспи. Бул тойдо эч кайгы-капасыз, санаасыз, көңүлүм көтөрүлүп келээрмин деп олтурган Гүланданын алдында дагы машакаттуу окуя турду. Эртеси: "Куда-кудагыйлар келди" дешип, опур-топур болуп калышты. Ой-санаасыз олтурган Гүланда сырттан кирип келе жаткан Азат менен орто бойлуу, сулууча, бала ээрчиткен аялды көрүп жүрөгү ойноп кетти: "Оо кудай, мен кимди көрүп олтурам? Бектур менин уулумбу???" Гүланда жүрөгү опкоолжуп, өңү бозоруп, турган ордунда катты да калды. Көптөн кийин гана аны байкаган Сатымкул:

- Гүланда, сага эмне болду? Ооруп турасыңбы, эмне өңүң кубарып кеткен? - деп үстөккө-босток суроо берип жиберди.

- Эчтеке, жүрөгүм ооругансып турат, мен силерди алагды кылбай эле үйгө кете берсем окшойт, кокус ооруп калсам тойдо көңүлсүздүк болбосун? - Гүланда кыраакы токтолгон аялдардай камкор сүйлөдү.

- Жок, болбойт, сен ооруп атканда жалгыз жөнөтүп мен жиндиминби, кой алтыным, бир аз жатып эс ал. Мен Салтанатка айтайын.

- Кой, алардын тынчын албай эле кой.. . - деген менен, "Айтса айтсын, Бектурумду бир жыттап алайын, бирок ага айтканда болбойт, Азат билсе өзү түшүндүрөөр.. . ", - деп ойлонуп атты.

Аңгыча Сатымкул Салтанат менен Бектурду ээрчитип кирип келди. Бектур Гүланданы көрүп бир топко тикирейе тиктеп, качандыр бир кезде көргөн сымал көз албай карап жатты.

- Салтанат, айланайын, апаң ооруп жатат, бир тынч бөлмө болсо жатып эс алып албаса жолдо кыйналды окшойт.

- Макул, ата, тиги детский бош, ага бөтөн адам да кирбейт, ошого киргизип жаткызып койом. - Гүланданы карап: - жүрүңүз, - деген бойдон аны колтуктап жөнөп калганда Бектур ичинен: "Бул эмне деген көз караш, бул көздү, бул элести бир кездерде көргөндөй болом да, жок-жок, көргөн эмесмин, бирок тааныш өңдүү.. . " - деп жер карап кабагын бүркөй ою онго бөлүндү. Аны байкаган Салтанат:

- Сага эмне болду, Беку, эмнеге кабагың бүркөө?

- Жөн эле, кайын энем биздин тойго келип-келбей жатып ооруп калса.. .

- Эч нерсе эмес, бир аз жолдо чайпалып калган го. - Салтанат ичинен: "эгер өз энем болсо кубанып, ооруганын билгизбей олтурмак, мейли.. . " - деп ойлоп жиберди. Гүланда соо туруп ооруп турду, азыр анын көзүнөн жаш, жүрөгүнөн кан агып жатты: "Олдоо каралдым ай, мен куруюн, ушундан көрө ошондо не өлүп калбадым экен.. . Тирүүнүн тозогунан көрө өлүп көрдө болгонум жакшы эмес беле?! Канымдан жаралган, алдейлеп ак сүтүмдү берип, бала жытын жыттап бал уйкусун бузбаган каралдымды көрүп көңүлүм толбосо, бек кучактап кумардан чыга эркелете албасам менин эне экеним, бул дүйнөдөгү адамдык касиетим кайда-аа?!" - ээн бөлмөдө өзүнчө бурганактап жааган ак карды шилей кетип жаткан геологдой буулугуп, кардан үшүгөн ак кайыңдын бутагындай дирилдеп жатагалып кайра туруп ары-бери басып алдастай берди. Бир кезде тынчсызданган Сатымкул кирип келди:

- Гүкү, кандай, кичине эс алдыңбы?

- Жок, өзүмө келе албай калчылдап жатам.

- Куда-кудагыйлар кудагый менен таанышып, келген конокторду чогуу тосолу деп жатат.

- Мен баралбайм го, андан көрө мени такси менен эле үйгө жөнөтүп жиберсең жакшы болот эле.

- Кантип жөнөтөм, Гүкү, кыздын тою сенсиз кантип өтсүн, Салтанат таарынып калат го, өзү да сени өз энесиндей көрөт эмеспи.

- Аның туура дечи, ооруп турсам кантем?

- Эс ал анда, эртең мененге чейин жакшылап эс алып калсаң анан аралашасың. Кудам Азат абдан жакшы жигит экен, аялы андан, Бектурдан кийин кечигип төрөгөн го, эки уулу жашыраак экен, - Сатымкул өзүнчө ыраазы боло сүйлөп жатты. Анын ар бир сөзү Гүланданын жүрөгүнө бычак болуп тийип жатканын ал кайдан билсин. Онтоп жиберди Гүланда: "Аттиң, Азаттын жакшы кыял-жоругун унутмак кайда, улам жыл өтүп улгайгансыган сайын өткөн өмүр бүлбүлдөгөн шам чырактай алыстап, бирок Азат менен өткөргөн үч жыл эстен тандыра тартылган сүрөттөй карегинде турбайбы.. .

Кийинки кездерде билинбеген жүрөк оору Гүланданы чырмап алгандай болду. Жакшына олтуруп эле жүрөгү "болк" дей түшөт да, алып учуп кичинекей төшүнө сыйбай чыгып кетчүдөй болуп оолугуп кетет. Ошол кезде Гүланда алапайын таппай жаштык-мастыгы менен өз тагдырын өзү талкалап алганын сезе, кайдагы бир молдонун сөзүнө кирип: "Сулуу өңүм менен канышадай жашабайымбы" деп, анан гүлгүндөй курагын кайдагы бир сайда саны жок селсаяктарга тепсетип, бирок аны кудай жазалап аз жерден адам катарынан чыгып кала жаздаганда энеси алып калганын эстеп азыр да жүзү мостоюп, жүрөгү ыйлап, көзүнөн жаш ордуна кан агып турду.

Түнү бою кирпик какпай, оозуна наар албай ары-бери басып чыкканга Гүланданын көздөрү киртийип, өңү керсары болуп, эртең менен сыртка чыкканда Азат менен беттеше түштү. Азат ошол саам же аны менен учураша албай, же өтүп кеталбай, турган ордунда катты. Гүланда ылдамдап ажаткана тарапка басты. Чиркин өмүрдүн ушул кези кызык болсо да Гүландага кереги жоктой туюлду: "Оо кудай, бул эмне деген кордугуң эле, кай тарапка барбайын, жолум бузулуп ызаат-сыйды, оюн-күлкүнү ыраа көрбөдүң го, жок дегенде ушул жолу бактылуу болуп той үстүндө жаркырап олтурсам болбойт беле? Уулум, жалгызым менен башкача жерде башка жолдо жолугушпай, өз уулума "кайнене" болгонум кандай гана кордук?!" - деп ичтен боздоп алды.

Сатымкул Гүланданын сыртка чыкканын көрүп артынан чыкты.

- Кандай, Гүланда, жакшы болуп калдыңбы?

- Ооба, түзүк элемин.

- Жакшы болгон тура, бүгүн той күнү жакшы маанайда болбосоң кыз-күйөө таарынат ко.

"Кыз-күйөө" жүрөгүн "зырп" эттирди Гүланданын: "Тоб-бо, өз балам өзүмө күйөө бала, ээ? Азат ага айтса мүмкүн мени менен жүз көрүшпөй ал турсун Салтанатты да таштап кетсе канттим?" Сатымкул менен Гүланда баягы чакан бөлмөдө сүйлөшүп, тойго, кыз-күйөөгө берчү белектерин кеңешип олтурганда Азаттын көңүлү суз боло олтуруп калды. Ал Замир менен да ажырашып кеткенин уккан. Азыр ал ага боору ооруп турду: "Мүмкүн Замир менен бактылуу жашап кетет беле, мени, Айшаны көргөндөн кийин өзү кетип калган тура. Эми дагы мени көрүп, таптакыр кетип калбагай эле, байкушум десе, уулун көрүп кечээтен бери жүрөгү ооруп атса керек, тагдыр ай, тагдыр.. . " Азат ошентип ойлуу олтурганда сырттан инисин ээрчитип кирген Бектур:

- Ата, мен бир нерсе айтсам капа болбойсузбу? - деди.

- Жок, балам, неге капа болмок элем, сенин сөзүң сөз да. - Азат уулун сүйкүмдүү карап койду.

- Салтанаттын апасын мен бир кезде көргөндөй болуп, бирок качан, кайдан көргөнүмдү эстей албай атам.

азаттын жүрөгү "шуу" этип кетти: "Альбомдогу сүрөттү көрүп жүрбөйбү, ошону эстей албай жаткан го?"

- Адамга адам окшош боло берет, балам, ага ойлонуп кыжаалаттанбай эле кой, андан көрө кечки тойдун камылгасын көрөлү. Адегенде силер ошол конок келчү ресторандын жанында болуп тургула, анан биз кудалар менен барып камылганы көрөбүз.

- Макул, ата. - Ошону менен ата-баланын сөзү уланбай, Бектур сыртка чыкты. Азат Сатымкулдар олтурган бөлмөгө баш бага минтти:

- Куда, жүрүңүз, конок бөлмөгө чогуу-чаран тамактаналы.

- Макул, куда, азыр, кудагыйың бир аз эркелеп "жолдо кыйналып калыппмын" деп жатат, азыр чыгабыз.

- Күтөм, тезирээк. - Азат каалганы жаап коюп, өздөрү олтурган бөлмөгө келсе аялы Тамара эки баласын кийинтип дасторкон салып жаткан экен. - Тамаш кудагый, кудалар болуп чогуу олтуралы.

- Жакшы болот, берекем, кудагый бүгүн жакшы болуп калыптыбы?

- Ооба, жакшы болуп калыптыр, жолдо кыйналып калган го, - дегенче Сатымкул Гүланда экөө ээрчише кирип келишти.

- Оо, келгиле, куда, келгиле төргө өткүлө, - Азат төргө карай колун жаңсап көрсөттү. Сатымкул Гүланда экөө төргө олтурушканда Тамара дасторкон жайып кирди. Гүланда ичинен сызып, тамашалуу тагдырына жүрөгү өйүп: Кайдан да келе койдум эле, кайдан билдим ушундай болоорун, бул да болсо тагдырымдын тамашасы экен да-аа", - деп араң зорго олтурду. Сатымкул болсо чечекейи чеч боло бапылдап жатты. Анан кантсин, эң кичүү кенжетайы күйөөгө чыгып, комсомол той өткөрүп жатса, анан калса куда-сөөгү да абдан жакшы адамдар экен. Ичкени ирим, жегени желим болгон Гүланда бул арада кулагына сөз кирбей араң эле олтурду. Анан өзүнчө кайрат кыла: "Тагдырым ушул болсо арга канча, ушуга да канимет, жалгызым маңдайымда болсо болду, жараткандын маңдайыма жазганына көнбөскө чарам барбы?" - деп өзүн өзү чыйралтты.

Бектур дагы Гүланданы көргөн сайын өзүнөн өзү кыйнала берди: "Тааныш, ал турсун жакын адамым сымал көрүнүп оюмду онго бөлөт да, бул эмнеси, же ушул улгайып калган аялды сүйүп каламбы, жок-жок, андай болушу мүмкүн эмес, эмнеге мынчалык мага жакын сезилип туруп алды?"

Тойго чакырылгандар келип, эки жашка каалоо-тилектер айтылып, толгон-токой белек-бечкектер менен кошо эки жаштын ата-энеси үй белек кылышты. Ошентип Азат менен Гүланда өз-өзүнчө ичтеринен бир бирине өкүнүчтөрүн айткандай, көз караштар бириге калганда экөө тең жүрөктөрү "зырп" этип тойду өткөрүштү. Бул тойдо баары көңүлдүү жана шатыра-шатман олтурушса, эки гана адам тагдырга таарыныч кылып, өкүнүп жатышты. Анткени Азат Гүланданы азыр да сүйөт эле, көңүлүнөн, жүрөгүнөн ушул кезге чейин чыгарган эмес. Азыркы татына болуп, жарашыктуу кийинген Гүланданы көргөн Азат да ичинен сызып: "Эмнеге сен менден кетип калдың? Мен сени азыр да сүйөм, сен мени сүйбөсөң керек, болбосо.. . " - деп ою онго, санаасы санга бөлүнүп турду.

*** *** ***

Бейшен ойлонуп олтуруп, сойкулар үйүн таптакыр жоюуну эп көрдү. Андан көрө кыйналган, үйсүз-жайсыз адамдардын түнөөчү жайына айланткысы келип, ал жерге барды. Аны Каныш абдан кубанычтуу тосуп алып, бул жердеги жаңылыктар менен тааныштыра баштады:

- Баягы сиз көзүңүз түшкөн жаш келинчи, ошол байкуш сиз кеткенден кийин уул төрөп алды, анан байкуш башкалар менен жүрбөй, сизди күтүп жүрөт, сиз аны менен туура бир ай болбодуңузбу, ошон үчүн уулун чоңойтуп, сиздин бир ооз сөзүңүздү күтүп атат.

- Дагы эмне дейт, муну укса үйбүлөм эмне дээр экен, бирок андай болсо аны жер каратканым болбос.

- Ооба-ооба, , туура айтасыз.

- Эмесе, Каныш, мен бул үйдү соопчулук жайына айлантайын деп жатам, бир-эки күн иштебейт деп жазып кой дагы, кыздарды тарат!

- Аа-а эмнеге, ай сайын отуз миң сом түшчү эмес беле, аны кантебиз?

- Эч нерсе эмес, соопчулук жайына дагы кафе уюштуруп, бекер жатышса да тамак-ашын сатып ичишкендей болсун. Себеби бул жерге алыстан келгендер бекер түнөшөт, анан ичкен-жегенине бир чоң бөлмөнү ашкана кылып ал, жашай бересиң. Андан түшкөн пайда өзүңө эле калгыдай болсун.

- Өзүңүз билиңиз. - Ошону менен сөз бүттү дегендей Бейшен ойлуу үйүнө кайтты.

Бейшен басса-турса: "Соопту кайдан табам?!" деп көп ойлончу болду. Өзү ойлогондой бир айдын ичинде "Соопчулук" жайын даярдап, ага ар кайсы өлкөдөн келгендер бекер түнөй башташты. Ал эми бир бөлмөнү жалаң үйсүз адамдардын түнөөчү жайына айлантты. Ошентип, Бейшен түрмөдөгү он жылдын ичиндеги көргөн кордугун ал жерде аял катары пайдаланылып жүргөнүн эстегенде ызаланып: "Сырттагылардын билбей калганы жакшы болду, деги эч ким туйбаса экен", - деп жүрөкзаада. Бирок азыркы жасап жаткан иши үчүн өзүнө өзү ыраазы болуп кетет. Анткени ушул аз убакыттын ичинде ал үйгө жүздөгөн адамдар бекер түнөп жатышат. Көбү ыраазычылыктарын билдирип кетип жаткан кези. Бейшен үйүнө келе жатып жаш аялы жөнүндө ойлоп койду.

Күнөөдөн арылыш үчүн Гүлшандын тестиер болуп калган баласын өзүнө каттатып, өзүнүн башын ачып берди. Анткени ал аны менен жашай алмак эмес. Гүлшанга Канышта сакталган акчасына үй, машина сатып берди да, өзү үйбүлөсү менен калды. Гүлшан ага абдан ыраазы болду. Анткени он жылдан бери эптеп уулу менен кыйналганына карабай жашап жаткан: "Кантсе да балапандай жаш кезимде биринчи көргөн адамым эмеспи, уулумдун атасы го, өзүмдү да, уулумду да булгап, жеңил баа болбоюн", - деп ойлоочу. Мына акыбети кайтып, молдо келээри менен уулуна ата экенин айтып, баардык шартын түзүп берди да, өзүнө эркиндик тартуулады.

Каныш ойлуу: "Бу молдо эмне мынчалык ак жүрөк болуп калды, же түрмө түшкүрүңдүн ошондой балээси барбы?" Болбосо мурун отуз миңден акчаны мыкчып жүргөн бу катын азыркы кезде айланып жаткан он миң сом акчага алымсынбай, карды ачкансып калды.

Бейшен өзүнүн бир кездеги пендечилик кылып жасаган күнөөлөрүн жууш үчүн адамдарга жакшылык жасай баштады. Соопчулук үчүн ачкан үйүндө көбүнчө үйсүздөр көбөйө баштады. Ошого карабай аларга шарт түзүп, атүгүл бир маал бекер тамак уюштуруп берди. Бирок ал жерге ыплас, арак ичкен, бузулгандарды киргизүүгө тыюу салынган. Ошентип бир аз да болсо адам баласына жакшылык жасадым дегендей өзүнө өзү курсант боло, Айзууранын балапандай балжууран денесин, андан тапкан азап-тозогун ойлоп, күн кылкылдап бара жатканда мечиттен чыгып үйүн көздөй жай кадам таштады.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз