Айгүл ШАРШЕН


"Эркин селсаяктар"


- Энеке жетимге жардам бериңиз, кайыр садака бериңиз? - алдына тура калды.

- Аа-аа садага, берейин, берейин, - Каныш эне жан чөнтөгүнөн бир сом алып кызга берди да, - Ала кой каралдым, ала кой! - деп андан ары жолун улады.

Кайрадан эненин оюн жол боюндагы арбайган-тарбайган сүрөттөр менен жазууну көрүп: "мындан он, он беш жыл илгери шаарга бат-бат каттап турганда Фрунзе, Фрунзе болуп гүлдөп турган чагы эле го, таңдын көрү-үү, эми болбой калган тура. 'Эркиндик, Теңдик, Баардык өлкөлөрдүн Пролетарлары, бириккиле!' деп бадырайып жазылып тураар эле…". Пьяный аллейге жете келгенде решетканын ары жагындагы ар кандай мас адамдарды көрүп элейе карап туруп калды. Баса, ушул Ош базарынын айланасында эле алей деген жер бар дешпеди беле?" деп ойлонуп анын өтүп бараткан чоочун жигитти токтотуп:


- Уулум, ушул Ош базарынын жанында алей деген жер бар деди эле, кай жагында экенин билбейсиңби? - деди үмүттүү карап.

- Жок энеке, билбейт экенмин, - деген жигит ийинин куушура басып кетти.

- Капырай, ушул эле Ош базарынын жанынан табасың дешти эле го, кагылайын каралдым, кандай күндө жүрөт болду экен, деги аман-эсен болсоң болду эле садага, - деп күбүрөнүп кетип баратты, - жаңы курулган жай деле жок, дагы баса берейинчи, табаармын… - деген ойдо бара жатканда он үч, он төрттөгү бала жанына келип:

- Эне, томолой жетиммин, кайыр-садага бериңиз! - деп алакан жая туруп калды.

- Берейин кагылайын, жаман болгон экен, мына ала гой! - деп бир сом берди.

- Ылайым кудай жалгасын, эне, тилегиңизди берсин, - кайырчы бала андан ары кетип жатканда Каныш эне аны кайра чакырып алды:
Урматту окурман сизден сураныч томонку жарнамалык блокго басып,рекламодательдин сайтына отуп коюнузчу!!!Алдын ала чоон ыраазычылык

- Ой балам, бери келчи, -

- Энеке, мени чакырдыңызбы?

- Ооба уулум, ушул тегеректен алей деген жер каякта экенин билесиңби айланайын?

- Алей дейсизби? - кайырчы бала бир аз ойлоно калды да, - Аа-аа эне алей эмес, пьяный аллей болуш керек, эгер сиз издеген пьяный аллей болсо анда мына бул жер, аны эмне кылат элеңиз?

- Ийи айланайын, жакшы болгон тура, сага рахмат уулум, ме муну алып ал да бара гой, - эне бала көрсөткөн жакты көздөй ашыга жөнөгөндө кайырчы бала эненин артынан ээрчий басты:

- Эне, ал жерде жалаң үйү жок бомждор, ичкичтер жүрөт, сиз аны эмнеге сурадыңыз эле?

- Эмне дейт кокуйгүн, ичкичтер дейсиңби, эмне аерде жумуш иштегендер жокпу? - делдейе кайырчы баланы карап калды.

- Жо-ок энеке, ал жерди алкаштар менен бомждор жүргөнү үчүн пьяный аллей деп айтышат да!

- Аа - аа карангүн, анда менин уулум ичип кеткен го, ошол үчүн өз көзү менен көрсүн дешкен го? - эне көзүнөн жашы куюлуп колдору калчылдап туруп калды, - байкушум десе, ичип кеткен окшойт, ээ?

- Эне, жүрүңүз тээтиги жагында эшиги бар, көрсөтүп койойун.

- Жок уулум, бара бер, мен эми өзүм эле… - Каныш эне өз ою менен алек болуп кете берди, - алда-аа кагылайын каралдым аа-ай, эмнеге жоголду десе ичкич болуп кеткен экен го, болбосо жалгыз карыган энем калды деп ойлойт эле да, көрсө ойлогонго алы келбей калган окшойт, - деп көзүнүн жашын жоолугунун учу менен аарчып эки көзү тосмонун ары жагындагы кейпи кеткен адамдарды карап баратты. Алардын ичинде өзүнүн Медети көрүнбөдү. "Кантип эле менин балам ушинтип калсын, такыр эле кейпинен кетип калган го, жок-жок, менин уулум мынчалыкка барбайт эле" деп өзүнчө кобуранып баратканда Гүлнар энеге байырлай калды:

- Жарыктык, күбүрөнүп эле атасыз да, сизге эмне болду?

- Ээ кызым, эмне болсун, шаарга он, он беш жылдан бери каттай элек элем, карачы өзгөргөнүн, эл-жер өзгөрүптүр, кадам сайын кайырчылар кезигип кыргыз элинин жашоосу оор болуп калыптыр го?!

- Анан эмей, заман өзгөрүлдү, элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы дегендей баары жаңыланып баратат.

- Кайдагы заман өзгөргөнү, жаратылыш ошол эле бойдон, болгону жашоо өзгөрдү, пейил өзгөрдү.

- Ооба десеңиз, алдуусу алсызын талап-тоноонун амалын ойлосо, өлкөбүз общий дом болуп элибиз сырттан келгендердин кызматын кыла баштады. Сулуу-сулуу кыздарыбыз сойку болуп, эл жерден кетип жатат. Жапжаш жигиттерибиз кул базарда, алкаштар аллеясында бомж болуп талаада түнөп калышты.

- Аттиң, элдин тагдырын ойлогон эч ким болбой калды го, менин уулум кай жерде жүрдү экен, кантти экен? - Каныш эне өзүнчө ойлуу сүйлөнүп алды.

- Эмне дейсиз, уулум дейсизби?

- Аа-аа, жай эле, - деп Каныш эне ойлуу басып баратып жол боюндагы ташка көчүп басты.

- Энекебай, мен да бу шаарга жөн эле келген жокмун, алты эркектин ичинде алчактатып өстүргөн жалгыз кызым шаарга келип ошол бойдон дайынсыз, көргөн-билгендерден сураштырсак моссоветте жүрөт дешет. Атасынын көөнү түтпөй мени биякка жөнөттү.

- Анан, анан эмес болду, таптыңбы?

- Кайдан энекебай, он беш күндөй болду келгениме, дегеле дайыны жок.

- Менин да жалгыз уулум үч жыл мурун үйдөн кетип, ушул күнгө чейин кайда экени белгисиз, айлам кетип издеп келдим эле.

- Шаар чоң, эл көп, кай жагында жүргөнүн билбейм, моссоветине барып иликтеп таппай койдум. Элдин ушагынан уялат экенсиң… - Гүлнар ойлуу отуруп калды.

- Мен дагы уулумду ушул эле Ош базарынын жанындагы алей деген жерден издегени келгем. Айылдан келгендер уулуңуз алейде жүрөт дешкенинен эле…

- Аа-аа энекебай, алей биерде эле, мына, алкаштар менен бомждордун түнөгү ушул жерде, сиздин уулуңуз иччү беле?

- Кайдан, ачкыл ичкенин көргөн эмесмин, бир жерде иштеп жүргөн го деп ойлогом.

- Андан жумуш менен алек болуп жүргөндүр.

- Ким билет, жумушта жүрсө "кароосуз жалгыз энем калды эле, эмне болду" деп ойломок, курган балам, сасыган суунун кулу болуп кеткен го!.. - Гүлнар жолдон өтүп бараткан таанышы менен учурашып калат, - …аттиң дүйнө ай, кирдүү кийим кийгизбей алпештеп баккан балам кандай күндө калды экен?! - Эненин эки муштуму түйүлө, көзүнүн жашы төгүлүп, эки бети ылдый куюлуп кетти. Жаагы карыша тиштенип алган. Аны көргөн Гүлнар ары жактан келип чоочуп кетти:

- Жарыктык сизге эмне болду?

- Эчтеме болгон жок айланайын, мени өз жайыма койчу деги, ооруп турат окшойм.

Ошол тушта алардын жанынан Медет орус кыз экөө ээрчише өтүп кетти. Каныш эне аны байкаган жок, көрсө да таанымак эмес, анткени Медеттин бети-башы айрылган, аябай мас болчу. Кийими кийим деп айтарлык эмес эле…

- Жок эне, мен сизди көрүп туруп кантип таштап кетмек элем, андан көрө врач чакырганга телефонго барып тез жардамга чалайын.

- Кареги жок кызым, кыйналба, андан көрө колумдан тарт, өйдө болоюн.

Гүлнар Каныш экенин колунан сүйөп тургузду да жай басып жөнөштү.

- Адегенде алкаштар жүргөн жерди аралап көрөйүн, кокус уулум табылып калса тез арада үйгө алып кетип чара көрбөсөм болбойт!

- Туура айтасыз, мен да кызымды тапсам дароо айылга алып кетем, эл эмне десе ошо десин.

- Эл экөөбүзгө жакшы баласын бермек беле, табаласа табалайт, жакшы болсо көрө албайт.

- Ырас эле, атасы аябай эркелетип, окуйм дегенинен окууга өзү алып келип киргизип, берчүсүн берип, колуна акчасын карматып бир тууган сиңдимдин үйүнө дайындап коюп кеткен.

- Сиңдиң батырбай койгондур?

- Кайдан, бир күнү квартирага чыгам деп кийим-кечесин алып кетиптир, ошол бойдон жок дейт.

- Жаштардын кулк мүнөзүнүн өзгөргөнүн карачы, кыздарды кол жоолуктай алмашып, бири бирин бактысыз кылып жүрө беришет. Биздин коңшубуздун бир кызы кытайлык соодагерге тийген экен, тим эле жыргатып койгон, көп узабай эле ажырашып кетиптир. Эми жанагы сен айткандай өзүн сатып иштей имиш.

- Аргасыз, айласы кеткенде ошол ишке барганы бир жөн, көпкөнүнөн барганын айтпайсызбы!

Экөө аркы-беркини сүйлөшүп Беш-Сары базары менен Кыялдын ортосундагы көзү ачыктарды аралап, алардын четинде талдардын арасында мас болуп алып сөгүнүп жаткандарды көрүп Медетти көрө албагандан кийин супсуну сууган Каныш эне:

- Кой айланайын кызым, кеч кирди. Эрте жарыкта жатакана таап алайын.

- Эне, мени менен эле барып түнөп алыңыз, - экөө эрчишип кетип жатып решеткага жөлөнүп ыргалып турган жапжаш жигитти көрүп эненин жүрөгү зырп этип алды. Бети жарылып, көзү көнөктөй болуп шишип кетиптир. Анын жанында чачтары саксайган, өзүнөн бир топ жаш кичүү келин турат жүдөө, ал да мас экен. Ал эми алардын туурасында колуна стакан кармап, колтугуна желим бөтөлкө кыстарган аял турат: "Кимиси келе койор экен" деп стаканын даярдап. Аларды көргөн эненин жүрөгү сыздап, жандүйнөсү жабыркап: "аттиң ай, уулум ушулардай болуп бир жерде жүрөбү?" деп көкүрөгү толо муң менен азага буулуп, дилинде боздоп Гүлнарга билгизбөөгө аракеттенди.

- Жатакана издеп убара болбой эле мени менен барып жатып алыңыз.

- Макул кызым, жакын болсо жатып эле алайын да эртең эртерээк келип издейин.

- Ооба, ошентиңиз.

- Жүрү базардан таттуу-саттуу алып алалы, балдар жол карап калбасын.

- Жөн эле коюңуз, балдары чоңоюп калды, өздөрү базарда, айылдык балдар жол карамак. Булар шаардыктар.

- Ошентсе да, куру кол барганым болбос.

Базардын кире беришинен нан сатып алышты да маршруткаларды көздөй басышты.

ooo

Көзү ачыктардын төмөнүрөөк жагында үчөө ортолорундагы целлофанга нан менен салат, бир бөтөлкө самогон коюп алып бакылдашып отурушту, үчөө тең жүдөө, кийимдери кир, сакал-муруттары өскөн.

- Балдар, мен бүгүн абдан кайгылуумун, анткени менин бир тууган агам өлгөнүн угуп, бирок барып топурак сала албаганыма өкүнүп турам.

- Кайрат кыл Каке, эмне кылабыз, минтип өзүбүз селсаяк жашоодо жашап жатып энебиз өлсө да бара албайбыз, арга канча? - Сапар ага боор ооруй сүйлөп, стакандарга самогондон куйду. - Кел кайрат кылып алып жибер!

- Ак сөз, ал айтканың ак сөз, Саке. Андан көрө күнүмдүк оокатыбызды эптеп таап жашап жатканыбызга каниет кылалы. Ичте арман толтура, кичине мындан ичип алып кайгыны жеңебиз деп жүрүп ого бетер ичкич болуп бүттүк, же андай эмеспи? - Султан тигилерди оңурая карады. - Болбосо мен да бир кезде бакыйган үйбүлөнүн кожоюну элем…

- Кайгысыз адам жок окшобойбу, бу мен деле арманды ичке катып басып жүрбөйүмбү, болбосо меникиндей арман силерде жок болуш керек? - Сапар тигилерди алмак-салмак карады.

- Ийи, дагы баягы "мен түрмөдө жүргөндө аялым күйөөгө тийип кетип" дегени турасың да?

- Ошону айтсаң, айалыңдын эрге тийип кеткенин көтөралбай ичип кеткенсиң, ошобу?

- Жо-ок достор, менин уулум балалуу болуптур, мен неберелүү болуп атпайымбы!

- Оо-ой жолуң болгур десе, кайгы-кайгы деп отурбай кубанбайсыңбы башты оорутпай!

- Аныңар туура дечи, бирок…

- Эмне бирок?

- Ошол төрөлгөн наристени, неберемди көрө албайм да.

- Эмнеге, барып көрө бер да!? - Султан аны суроолуу карады.

- Жок мен баралбайм, үйдөн биротоло кайрылгыс болуп чыгып кеткем. - Сапар муңайым томсоро отуруп калды.

- Кана балдар, анда азыр кайгыны коюп, ошол жаңы төрөлгөн наристе үчүн ичеличи! - деген Камбар стаканды Сапарга узатты эле ал үчөөнө тең толтура самогон куйду да:

- Келгиле достор, ушул мусаапыр жашоодо кайгыны коюп жалаң жакшылык үчүн ичели, - деп өзү алып ийгенде берки экөө да алып жиберди. Ошол кезде алардын жанына бети-башы жарылып, көздөрү шишиген, кийим деген эле аты болбосо кийгени жыртылган, кир болуп жүдөгөн Медет келди:

- Байкелер, башым ооруп өлгөнү турам, бир аз… - деп үчөөнө тең алмак-салмак жалдырай карап туруп калды.

- Кел иним, кел, куй Сапаш, ачуунун эмнесин аяйлы, кээде биз деле ушинтип тамчы самогонго зар болуп калабыз.

Сапар стакандарга толтура самогон куюп баарына сунду да өзү алып жиберди. Калгандары да алып ийип отуруп калышты.

- Рахмат байкелер, аз болгондо өлүп калмак элем.

- Эч нерсе эмес иним, мусаапыр жашообузда эмнени аямак элек.

- Ооба, Какем тура айтат, өзүбүз селсаяк болуп туруп боорукер болбосок анан ким күйөт бизге?! Дагы бирден куйгандан кийин самогондору түгөнүп орундарынан тура жөнөштү.

- Жүргүлө балдар, эрте жарыкта туруп жумуш кылалы, болбосо кечки тамактан куру калбайлы. "Движение" жасап жан багалы. Ошол кезде ары жактан Ажар, Кымбат, Сейделер келип калышты.

- Оой-оой кайран эргулдар десе, бизсиз кантип тамагыңардан өтүп жатат ыя? - деп күлгөн Ажар жаңы эле ордунан туруп келе жаткан Сапарды колтуктай калды. Алардын көзүнө томолонуп жаткан бөтөлкө көрүндү. Аны көргөн Кымбат Ажарга көзүн кысып койду.

- Ошону айтсаң, биз болсок акыйып буларды күтүп отурмакпыз, көрдүңөрбү булар бизсиз эле чарда-ап отурушканын. - Кымбат Ажарды коштой каткырды. Алардын кызуу экени көрүнүп турган. Бирок эки курбусунун сөзүн Сейде жактырбай:

- Ой койгулачы деги, ушул селсаяк жашообузда бири бирибизге таарынганды ким коюптур ыя? Андан көрө жигиттердин ал абалын сурай отуралы. Кандай Каке, иштериңер жүрүп жатабы?

- Жүрбөй анан, жакшы эле, жанагы неңдурайындар мени көрсө эле көздөрүн акырайтып карап калышат, мени таанып калышты.

- Алда-аа байкушум ай, кыйын болгон экен, эмне болсо да эсен-соо болсоңор болду.

- Анан эсен бол деп, тирүү жүрүп селсаяк жашоону жашап жатабыз, мунун эмнеси жакшы, андан көрө өлүп калган эле жакшы го?! - Ажар чындап эле жаны кейий сүйлөдү.

- Атаны байкуш ай, кичине температураң көтөрүлсө эле ыйламай адатың кармап калган го, болду эми күн кечтеп калды, бир жерге эс алалы.

- Эмне, жөн эле кете бересиңерби, силерди көрүп кубанып жатсак, бирдемелери бардыр деп. - Султан аларды үмүттүү карады.

- Жок-жок, алтындарым, силерди куру коймок белек, андан көрө жүргүлө биздин жайга, силердикине караганда "конкретный"! - Ажар бармагын көрсөтө көз кысып койду.

- Барса баралы таасынын көрү, бу сулуулар чакырып жатканда барбасак каарга калбайлы, - Камбар тамашалай сүйлөдү.

- Барбаганда, бүгүн бир сулуулардын коногу болду.

- Эк кудай алсынчы, коноктосо коноктоп деле койобуз, мусаапыр жашоодо силерден эмнебизди аяйлы! - Сейде колун шилтей тигилерди айланта карады да, - жүргүлө бүгүн биздин сыйыбызды көргүлө! - деди.

- Мусапыр, селсаяк эле дейсиңерби, чынында бизден өткөн мусапырлар бар, алар кимдер билесиңерби, - ал шыбырай калды, - Алар тиги өкмөттүн башчылары!

- Ырыс эле алар бей-бечаралардын жашоосун оңдойбуз, жакырчылыкты жойобуз деп көрүнгөн өлкөлөрдөн карыздап помошь алып жатышат, бирок кана жакырчылыкты жойгону, кыргыздар тентип кетти. Андан көрө биз боорукербиз, ак көңүлбүз, бири бирибизди сыйлайбыз.

- Биздин өлкөнү "обший дом" деп жарыялап коюп, кыргыздын баары сырттан келгендердин кулуна айланды, бей-бечаралар көбөйүп, кайырчылар, мусапырларга толуп кетти шаарыбыз.

- Башканы койгула туугандар, андан көрө биз эркин селсаяктарбыз, ошого кубангыла! - Сейде эч кимисине карабай жол баштады. - Тура бербей болгула эртерээк!

- А бу жигит кайдан? - Ажар Медетти эми гана көргөндөй таңгала сурады.

- Ал биз сыяктуу эркин селсаяк, - Ажарга Камбар жооп берди. - бүгүн биз менен боло берсин.

- Аа-аа мейли, бечара барса бара берсин. Көтөрүнчөктөрүн көтөрүп ээрчише жөнөштү.

- Рахмат, эжекелер! - Медет алар менен катар басып баратып ичинен кубанып баратты: "эптеп бүгүнкү күн өтө турган болду, эмнеси болсо да ушулардын көргөнүн көрөөрмүн", - деп ойлонуп көңүлү ток. Камбар алдыда түнөөсүн көздөй Ажарды колтуктап кетип атты.

ooo

Сезим эки көзүнүн жашын көлдөтүп босого тарапта терезени карап тура берди. Ал азыр моло жаштай катып турду… Баятан бери тамеки чегип отурган Аида анын жанына келди.

- Чыныңды айтчы Сезим, сенин бул жумушка көңүлүң болбосо мен сага жардам берейин, качып кет.

- Айланайын эжекебай, менин аргам жогунан жан багаар жумуш болсо десем ээрчитип келген, көрсө… - эчкирип ыйлап жатты.

- Анда мен сага жакшылык кылайын, мен болсо көпкөнүмөн ушул жолго түшкөмүн, мага акчанын да башканын да кереги жок, болгону ойноп жаштыгымды ойдогудай өткөрөйүн дегем.

- Чын элеби, кантип, жашооң ойдогудай болсо, кардың ток, кийимиң бүтүн болсо кантип эле? - Сезим Аиданы жаштуу көздөрүн жалтылдата карап калды.

- Ооба, менде баары бар эле, ата-энем менин озуумдан чыкканды аткарчу, окуйм десем окууга өткөрдү, акча десем акча, кийим десем кийим, а мен ошол бакытты көтөрө алган жокмун… - Аида көпкө чейин ойлуу тамеки тартып, терезени мелтирей карап тура берди. - Адегенде тамекини үйрөндүм, анан арак-винону вечеринкаларга барганда тартынбай иче баштадым, кыз атымдан жаңылдым, ага кабагым кашым дебей окуумду таштап бул жакка келдим…

- Кызык, менин ошондой адамым болсо келмек эмесмин!

- Көп сөздүн кереги жок, эртерээк кетип кал, бул миң сомду ал дагы тез кет! - Аида эшикти ачып эки жакты карады да, - бол эрте жөнө, - дегенче ары жактан Суусар келип калды.

- Бол эрте, клиент күтүп калды, былжырабай кичине жасанып турбайт белең! - Суусар алкына кетти.

- "Мама", аны тим коюңуз, убалына калбай кетирип жиберели.

- Эмне-е, шуркуя, сен эмне деп жатасың, кайдагы убалды айтасың, селпейген шүмшүктү мен зордоп алып келген эмесмин!

- Ачык айтып келбейсизби анан, жумуш издеген кыздарга мен жумуш таап берем деп алдап келбей!

- Ал менин ишим, бузукуланбай жөн жүрчү, - Сезимге карайт: - Бол деп жатам, клиент күтүп жатат.

- Барбайт этпейт! Кете бер тезирээк, эч коркпо, Сезим! - Аида Суусарды колдон кармап калды. - Далай кыздардын убалына калганың жетишет, кете берсин!

- Өлүгүңдү көрөйүн шуркуя, бул эмне кылганың ыя?! - Суусар жулкунуп жатты. - Акча кимге керек эмес, ал деле акча табам деп келген, сен аны эмнеге буздуң?

- Сүйгөнүнө таза барсын байкуш, бир бечаранын көз жашын көрүп кантип бооруң оорубайт, же бооруң ташпы?

- Боорукерин мунун!…

Суусарды Аида койо берди. Бул убакта Сезим узап кеткен эле. Суусар алапайын таппай турду:

- Шуркуя десе, клиентке уят кылдың, боорукер боло кеткенин кара?

- Ботодой боздогонун көрсөң муз болсоң да эрийт элең, ойлоп көрсөм мен көпкөнүмдөн ушул жолду тандап алып, эми артка кайтуу кыйын болуп аргасыз жүрөм. - Аида кайра-кайра сигарет күйгүзүп тартып столдо ойлуу отурду. - Эгер билсеңиз азыр мен өкүнүп жүрөм, ата-энем угушса менден үмүт үзүп, балким балалыктан кечип коюшкандыр…

- Ой шуркуя, эми түштөн кийин акылдуусунбай тигил клиентке өзүң бар!

- Барса барам эле…

- Мен жаш кыз деп баасын жогору сүйлөшүп алып койгом да, эми эмне болот.

- Мен деле кыз баасына барып жүрөм го, же менин клиентим нааразы калган күн болдубу?

- Ырыс эле дечи, мен ага кыз деп койгом элем, эми өзүң бир ишке жарай көр, кыз эмес экен деп акчасын кайтарып алып кетип калса эмне кылам?

- Кетирбейм коркпо, мен аны сопсонун кармайм! - Аида чыгып кетет.

- Оо куураган шуркуя, жарасаң го жакшы, жарабай калсаң кудай уруп… - деген Суусар кабатырлана сумсая отургучка отуруп калат. Ары-бери басып тынчсызданып турганда арытан Аида көрүндү эле Суусар анын алдынан чыкты: - Эмне эрте келип калдың, же жакпай калдыбы?

- Жактырбай койгудай ал эмне асмандан түшүптүрбү?! Жактырмак турсун "башка менен болбо" деп өлүп калды. - Аида сигарет алып күйгүздү: - эртең да келе турган болду.

- Ой аз-замат десе, жакшы болгон тура, - Аиданы кучактап өөп: - Молодец, кыз баасына барып келдиң! - Суусар кубана кол чабат.

- Сизге акча керек, акча жаныңда калды, ошол эле керек беле?

- Сага акчанын кереги жок болсо эмне жүрөсүң?

- Мага эч нерсенин кереги жок, акча табыш үчүн сойкулукка келген эмесмин!

- Анан эмне, эркектин түрүн көрөйүн дедиң беле?

- Ообо, жаштыгымды ойдогудай өткөрүү үчүн, ойноп-күлүп, махабат жыргалын каалагандай татуу үчүн келгем.

- Баары бир акчага сатылып жатпайсыңбы, же бекер барып жатасыңбы?

- Сен тойгондон калганы меники го, же эсептешип жатамбы? Менден башкасы эсептешип алат го?

- Аның туура, эми эмне дегиң келип турат?

- Эч нерсе, сизге буйрусун. Жаңылык, мен бул жерден кетүүнү чечтим!

- Эмнеге? - Суусар Аиданы көздөрүн чакчайта карап калат, - кайда бармаксың деги?

- Ата-энемди сагындым, - Аида дембе-дем сигарет тартып отуруп, - Мени кечирип күтүп алаарына ишенип турам, бирок аларга барууга жүзүм чыдабайт го?

- Сагындым деп кайсы бетиң менен айтып жатасың, сенин ушинтип жүргөнүңдү укса…

- Мен үчүн уялбай эле кой, кантип барышты мен сенден сураган жокмун!

- Аида, секет кетейин десе, иштей бер эми, мына өзүң айткандай колумдагы кыздардын ичинен кымбатка бара турганы жалгыз өзүңсүң, жок дегенде бир-экөөнү таап алайын.

- Тажадым, бир мүнөт токтоор алым жок. - Аида сумкасы менен кийим салган чемоданын алып эшикти көздөй жөнөдү.

- Аа-ай Аида токтой турсаң боло, жок дегенде бүгүн кал!

Аида артына кылчайып койбой кетип баратты. Суусар умтула кыйкырган бойдон турган жеринде калып калды: "Ошол күнү, - деп ойлонуп баратты Аида, - мен биринчи жолу вино ичкем, анан эле Кылыч мени чогуу отурган кыздар-балдардан бөлүп башка бөлмөгө ээрчитип киргенин билем… Андан кийин уктап калыптырмын… Ошентип…, ошентип кыз атыман жаңылгандан кийин кайсы эркек болсо да каршылык кылбай макул болуп жүрө бердим, жүрүп-жүрүп чогуу окуган окуу жайдын студенттери бүт билип калып, жалаң секстен сабакка да барбай калдым, окуудан чыктым да биротоло сойкулукка өттүм". Улутунуп алды Аида. "Неге адам баласы ушундайбыз, жокту да, барды да көтөрө албайбыз?.. Байкуш атам, апакем ай, силер мени эмне деп жаттыңар экен, мендей акылсыз кызыңарды кечип койдуңар бекен, өлгөндүн бири деп аттыңар бекен? Мени кечиргилечи атаке, апаке! Бир кезде үйүңөрдүн ак көпөлөгү эмес белем, менин сулуулугум үчүн сыймыктанчу атам мени эмне деп ойлоп жатат? Кантип, кантип алардын бейкүнөө жүзүн карайм, кантип жолугам?" Аида түркүн ойлордун туткунда кетип жатты… Ооба ал кетирген каталыгын кеч түшүнүп, Сезимдин күнөөсүз көз жашынан кийин аябай намыстанды: "Ал жетим кыз экен, а менчи, мен акылсыз, бетпак, шерменде турбайымбы!"

ooo

Феруза мектепти бүткөн соң жогорку окуу жайына экономика факультетине окуп калды. Жакшы окуучу, ошентсе да ата-энесинин колдоосу, куруттай кылып берген акчанын арты менен окууга өттү. Студенттик жылдар ал үчүн абдан эле көңүлдүү өтүп жатты. Анткени анда жаш тура! Далай жигиттер кат жазып, киного, концертке чакырды, бирине макул болгон жок: "окуудан өксү болуп калам, ата-энемдин ишеничин актай албай калам, жигиттер кайда качмак эле?" деп ойлогон ал ошондо. Өзү да оюн-зоокту, той-тамашаны сүйбөгөн бир мүнөздүү токтоо кыз эле. Өң келбети анча сулуу болбогону менен жылдыздуу, билинер-билинбес майда сары сепкилдүү экенине карабай абдан татынакай көрүнүп, кандай адам болсо да өзүнө тартып турчу. Арадан беш алты жыл өтүп окууну бүтүп, маянасы жакшы жумушка орношту. Мында да ал эч нерсени ойлогон жок, ата-энеси шаардын чок ортосунан бир бөлмө үй сатып берип койгон. Эмнегедир арадан өткөн жылдар Ферузанын жаштыгы менен кошо анын айланасында көпөлөктөй айланып ээрчип жүргөн жигиттерди кошо алып кеткендей…

Кызмат деп жүрүп жашы өтүп баратканын сезбей жүрө бериптир. Качан отуздан ашып, жалгыздыкты сезе баштаганда гана, өзүнөн кийинки инилери, сиңдилери үчтөн, төрттөн балалуу болуп калганын көргөндө убактысын текке кетирип, мезгилден артта калганын сезди. Ошондо гана түн уйкусунан кечип, эчен түндөрдү уйкусуз таң атырчу болду.

Ошол күнү Феруза жумушунан кеч чыгып үйүнө келсе, үйдүн ичи өзүнө негедир суук көрүндү, бул үйдө жашоо кунарсыздай сезилди. Тамактанууга көңүлү чаппады. Муздаткычты ачса анда эч нерсе жок экен. Анан Ош базарын көздөй жөнөдү, бул убакта базар али жабыла элек эле. Үйдөн чыгып эле Чүй көчөсүнөн өтө бергенде кырка талдын түбүндөгү решеткалардын ары жок, бери жагында экиден, үчтөн биригип алып отурган мастарды көрүп жийиркенип алды: "Булар эмне болгон адамдар, кызык бомждор деп угуп калчу, бирок көрө элек болчу, ушунча абалга келгиче эмнеге арак ичип жүрө берет, жайында го мейли кышында кайда жүрүшөт?" деп басканын жайлата алардын көз айрыбай бара берди. Улам өйдөлөгөн сайын стакан көтөргөн аялдар, самогон сурап жалдырап. Шөлбүрөп кийинген аял-эркектер. Бир кезде арыктын четинде улгайган бир аял менен эркек кучакташып отуруптур: "Эмнеге ушул бомждор түгөйлүү болот да менин түгөйүм жок?" деп негедир анын ички өксүгү эми өзүнө сезилгендей болду: "ырас эле мен жалгыздыктан тажап жатам го" деп ойлоп, кадамын тездете жөнөгөндө решеткага жөлөнүп алып даарат ушатып жаткан эркекти көрүп тык токтой калды. Анын даарат ушаткан жери ага кызыктай көрүндү, анан калса ал ага даана көрүнүп турган эле. Феруза өзүн кызыктай абалда сезип көзүн ала качып басып кетейин деп кадам таштады да, кайра эле аны карап жиберди. Ал дале бүтөлек экен. Решеткага жөлөнүп зорго эле тургандай. Ыргалып араң турат. Ал кадамын тездетип баратып ошол адамдын жүзүн көрүүгө кызыга кайра бурулуп бет ороюн карады: "жаш эле турбайбы, эмнеге мынча ичет, себеби бардыр" деп ойлоп анын үстүндөгү кийимин карады. Абдан кир, тытык, кийим деген эле аты бар экен: "Эч кимиси жок го, болбосо ушул абалга келбейт эле…" деп ойлонду да, базар жабыла электе эртелеп алчуусун алууга ылдамдай басты.

Базар жабыла элек экен, эл суюлуп, базарчылар товарларын жыйып жатышыптыр. ары-бери тамак-аш ала коюп үйгө келатса баягы мас дале турган экен, шымын чала бүчүлөп алганга чала-була көрүнүп калыптыр. Ферузанын бүткөн бою дүр дей түштү. Канчалык тарткынчыктаганы менен улам карагысы келип, мастын турушун таңдана көз ирмебей бир топко карап туруп, анан ылдамдай басып кетти. Үйүнө келгенден кийин да газка чай коюп, тамак жасап жатып мас адамдын элеси, анын даарат ушатып жатканы көз алдынан кетпей кыйнала берди. Төшөк салып жатып алып телевизорду коюп койгону менен көз алдында мас адам. Ал ары оодарылып, бери оодарылып, уктай албай жатып бир кезде чоочугандай ордунан туруп отурду да, мас адамды бирөөгө окшоштуруп тааный албай жатканын эми билди. Көрсө ал айылдаш балага окшоштуруп жатыптыр. Болгондо да ал өзүнүн артынан ээрчип жүргөн Дуулат болчу: "Кызык - деп ойлоду Феруза, - адамга адам ушунча окшош болот экен ээ?" Анан анын ою тээ бир топ жыл мурун болгон окуяны эстеп жылмайып алды: Дуулат кайсы бир майрамда Ферузага открытка менен кошо кат берген эле. Ал катта: "Феруза кандайсың, майрамың менен куттуктайм! Ошол майрамды сага жүрөгүмдү белекке берүү менен куттуктагым келет, анткени мен сени сүйөм, сүйөм, сүйөм! Дуулат. 197 4. 7. 11." - деп жазганын окуп алып, Феруза аябай күлгөн эле. Бирок ал катты эч кимге көрсөткөн да, тыткан да эмес, ушул убакка чейин катып жүрөт. Оодарылып жатып кайра жылмайып койду: "кызыма окуп берем, көрсүн апасын жигиттер кандай сүйгөнүн" деп ойлоп көзү илинип баратты…

Эртең жумушка барып оңдуу деле иштей албады. Негедир кечээги даарат ушатып жаткан адамды эстеген сайын жүрөгү лакылдап, бүткөн бою бир кызыктай чымырап, өзүнөн өзү кыйнала бергенинен жумушунан суранып үйүнө келди. Үйгө келгенден кийин кадимки конок тосчудай болуп өзү жактырган тооктун этинен тамак жасады, анан шашпай жуунуп алып базарды көздөй жөнөдү. Келе жатып: "кайда болду экен, балким ал бүгүн аерде жоктур, же болсо да мени ээрчип келбей койсочу, менден он жашка кичүүдөй көрүнөт" деп сарсанаага батып келе берди. Кадимки Ош базары, мына "пьяный аллей", аерде кечкисин ичип алып, үйү жоктор түнөк кылчу бактын арасында экиден үчтөн чогулуп алып ар кайсыны сүйлөп мастар жүрүшөт. Феруза жол менен жа-ай басып, аларды мурда көрбөгөндөй карап жатты. Алардын арасында кечээги неме көрүнбөдү. Негедир ага ичинен боору ооруду: "эмне болду экен, абдан мас көрүндү эле, жыгылып катуу тийип бир нерсе болгон жокпу? " деп ага чындап эле кейип кетти: "тууган-уругу болду бекен, ата-энесичи? эч кимиси жок болсо керек, эгер ата-энеси болсо мындай абалга келмек эмес" деп да ойлоп ийди. Аңгыча анын тике маңдайынан кечээги эле бойдон ушул жерде өзүн күтүп турган өңдүү аны көрүп калды. Негедир ал ошол эле жерде эч нерсе менен иши жоктой, бирок решеткага жөлөнүп турган экен. Феруза эмне кылаарын билбей мууну калтырай туруп калды. Же алдыга, же артка кадам таштай албай турганда оюна бир нерсе кылт дей түштү. Же тагдырдын чындап эле буйругубу же кокусунан болдубу, Ферузанын анын жийиркеничтүү кейпинен тартынчыктабады. Ал азыр чечкиндүү түрдө ушул караңгылыктан пайдаланып аны жетелеп кеткиси келди. Медет турмуштан жолу болбой, карыган энесине да бара албай ара жолдо калганына кейип ичип алат да, же иштен жок, же акчадан жок биттеп-кирдеп бүткөн. Анын азыркы кебетеси ушунчалык жийиркенерлик эле. Канчалык кийими жыртылып кирдегенине карабай, жүзү сүйкүмдүү көрүнчү. Феруза аны акырын колдон ала:

- Жүрү, эмне болуп калгансың, карачы кебете-кешпириңди! - дегенде Медет элдир-селдир кызды бир тиктей берип:

- Аа... сен кимсиң, мен… мени кайда алып барасың? - деди.

Ал анын мастыгынан пайдалангысы келди. Бирок андан ары эмне болоорун ойлободу…

- Мен эжең болом, сен киши тааныбай калгансың го ээ? - деди да жетелеп жөнөдү. Бирок Медет ага тоскоолдук кыла албады, кете берди кыздын жетегинде.

Феруза Медетти үйүнө алып кирип, бутун чечтирип анан ашканага киргизди да столго олтургузуп тамактан куюп алдына койду:

- Тамактан ич! - деп анын маңдайына өзү олтуруп тамак иче баштады. Медет алдына койгон тамакты эч тартынбай дагы, бирөө тартып алчуудай болуп шашып дагы ичип жатты. Феруза аны өз оюна койду. Столдун үстүнө төгүп, чачып ичип жатканын карап олтура берди. Отуздан ашканча анча-мынча тамашалашканы болбосо, эркек менен бет маңдай жалгыз бир бөлмөдө отурганы ушул эле, ал эки көзүн албай карап олтуруп: "кудая тобо-оо, эми муну үйгө алып келип алдым, эми эмне кылам, же жуунтуп, кийинтип жолго салсамбы же?..." деп өзүнүн суроосуна өзү жооп табалбай жатканда Медет Ферузаны карап:

- Эже, сизге ырахмат, көптөн бери тамак ичпей калдым эле, сообума калдыңыз. Эми кете берсем болобу? - деп сурап калганда Феруза шашып калды:

- Жок-жок, жатып эле алыңыз, же үйүңүз барбы?

- Кайдагы үй, мен жолдо жүргөн бир эркин селсаякмын! - деди Медет аны карап тамашалагандай жылмая, ал соолуга түшкөн эле.

- Анда түнөп эле алсаңыз болот, көчөдө түнөбөй келип туруңуз! - кетип калабы дегендей аны суроолуу карады.

- Ушул кебетем менен сиздин…

- Аа-а, эч нерсе эмес, жууп койобуз, жата бериңиз, талаада кантип?...

- Көнүп бүтпөдүкпү, азыр го жай, күн жылуу, бейиш да, кыштын күнүчү?!

- Кайдан болосуз?

- Көлдөн.

- Ата-энеңиз барбы?

- Атам эчак эле өлгөн, апам бар эле…

- Анан эмне болду?

- Мен минтип өз арбайымды таппай жүрөм, анан ал эмне болду билбейм, өзүм жалгыз бала элем, энем байкуш менин азабымдан куурады го…?

- Жаман болгон тура, биякка эмне келдиң эле?

- Товар алып кетип соода жасайм деп келип акчам менен кошо паспортумду алдырып жибергем.

- Канча болду келгениңе?

- Үч жылдан ашып баратат.

- Иштеген жоксуңбу?

- Документ жок эч жерге жумушка албай койду.

- Тачки түртүп, же жүк түшүрсөң деле болот эле го?

- Баарына паспорт керек да.

- Кыйын болгон экен, апаң жөнүндө кабарың барбы?

- Кайдан…

Ошол бойдон Экөөнүн ортосунда сөз токтоду. Экөө өз-өзүнчө ойлонуп жатты. Феруза: "өзү жалгыз бала болсо, энесинин дайынын билбесе, ушундай да келесоо болобу? Акчасын жоготсо карыздап деле айылына кете берсе болмок экен, же апасынын да колунда жоктур…" Медет: "энесинен кабар албаган кандай неме деп үйүнөн кууп чыгаар бекен.. Баса, эмнеге мени үйүнө ээрчитип келип тамактандырды экен, боор ооруган го? " деген ойдо сыртты көздөй жөнөдү эле, Феруза:

- Жатып эле ал, эртең кийим-кече алып берип жардам берсем ичпейсиңби же көнгөн адатыңдан чыга албайсыңбы? - деди.

- Эжекебай, андай жакшылык кылсаңыз өмүр бою кулуңуз болоюн, энемди эстесем эки мүнөт тургум келбейт, айла жок…

- Анда ваннага керип жуун, - деген Феруза ойлонуп калды: "бир да эркектин кийими жок, ваннадан чыкканда эмнени кийет, кайра кантип ошонусун кийсин?" - кир, кирип жууна бериңиз, - деп койду да, өзүнөн кийим салчу шифоньеринин ичин издеп кирди. Бир жолу иниси келип, ошонун кийимдери жүргөнүн көргөн эле, шашкалактап ошону таппай жатты. Издеп жатып тапты да, ваннадан чыкканда которунсун деп каалгага илип коюп өзү ашканага кирди да стол үстүн жыйнай баштады.

Медет ваннага кирип жуунуп чыкканда өңүнө чыга түштү. Ага берген Ферузанын инисинин кийими кичине чоңураак болгону менен мындан он беш минут мурунку Медетке окшобой калды. Феруза ага балконго орун салып берди да, өзү ордуна жатты, бирок ал дагы уктай албай ооналактай берди. Медет болсо жуунуп, тазараак кийим кийгенге сергий түштү белем, башы ооруганы да билинбей уйкуга кетти. Кантсе да таза кийинип, карды тоюп калганга тырп этпей уктады. Феруза ооналактап жатып таңга маал гана көзү илингенин билбей калды. Эртең менен бир дабыштан улам ойгонуп кетсе Медет кеткени жатыптыр.

- Эмне, кетип жатасызбы? - деди Феруза уйкулуу көзү менен.

- Жок-жок, азыр келем, - Медет мукактана жооп берип чыгып кетти. Ал чынында жанында жарым тыйын акчасы болбосо да башы ооруп тургандыктан ичкиси келип чыгып бараткан болчу. Аны Феруза сезбеди, бирок терезеге келип карады эле, анын столчиктеги аялдын жанында олтурганын көрүп: "Иий, башы оруп калган го, беш сом берип койбой" деп кайра төшөгүн жыйып, газга тамагын ысытып, чай коюп Медетти күтүп жатканда ал кирип келди. Аны көргөн Феруза негедир андан сүрдөгөндөй абалга келди, анткени азыр Медет таптакыр башка жигит эле, кечээги батташып турган чачтары тармалдашып, сеңселип турган болчу.

- Келиңиз, тамактанып алыңыз, - деди ал аны сүрдөгөндөй карап жылмая, - татынакай жигит турбайсызбы.

- Коюңузчу, бирок чын эле жаман абалга келип калганмын, сизге өмүр бою ыраазымын! - Медет столго олтура берип жооп берди.

Экөө тамактанып жатып көпкө сүйлөшүп отурушту. Феруза да өзү жөнүндө толук айтып берди. Анын ата-энеси, бир туугандары бар экенин. Өзү жалгыз турарын айтты.

Медет эки-үч күн үйдөн чыкпай жүрдү, кокус кайрадан ичкич "досторун" көргөндө азгырылып кетүүдөн коркту. Өзүн өзү кармап, минтип ичерге тамак даярдап, үстүнө кийим жаңырткан адамдын мээнетин, өзүнө жасаган мамилесин ойлоп уялып атты. Бирок улам эле кылт эте оюна түшкөндө ичкиси келип араң чыдап, акыры бир жумадай өткөндө кадимкидей унута түштү.

Бир үйдө эки жан, эки адам, болгондо да жаштыгы денесине батпай жаштык көөдөнүн тээп кумардуу түндөрдүн ээси болуп экөө эки түгөйдүн коюнун толтурчу жандар… Экөө тең дасторкондо отурганда бир туугандай же жакын адамдардай мамыр болуп сүйлөшүп бара-бара бир бирине көнүп баратышты. Бир күнү алардын үйүнө Ферузанын апасы менен эң кичүү иниси келип калды. Алар Медетти көрүп ичтеринен тынып тим болушту, сыртынан эч нерсе айтпай үч күн жүрүп, кетээринде апасы Ферузага:

- Кызым бул ким, жашырбай эле айта бер садага, атаң экөөбүздүн тилегенибиз ошол, сен орун-очок алып калсаң болот эле, - дегенде Феруза:

- Койчу апа, ал жөн эле бизде иштеген бала, квартира тапканча туруп турат, - деп жооп берип койду.

Ошол бойдон экөө тең үнсүз жолго чыгып жуп машинага отураарда апасы:

- Мейли балам, бирок ойлон, жашың бир топко келип калды, жакшына бала экен… - деп жөнөп кетти.

Алардын эмне ойлоп, эмненин сүйлөшкөнүн Медет кайдан билсин, ошол күнү ал өз оюн айтууну чечти.

- Феруза… мен эми сиз макул болсоңуз үйгө барып келейин, апамды көрүп кеңешип дегендей… - деп андан ары үндөбөй туруп калганда Феруза:

- Эмнени кеңешесиң, барсаң бар, кокустан… - деп ал дагы андан ары айта албай туруп калды: "ичип кетип жүрбө" деп айтып жибере жаздап токтоп калды.

Медетти Феруза айлына жөнөтүп, өзү калып калды. Ал эми чоң үмүт менен күтүп: "апасы экөө келип мени алып кетээр" деген ойдо жүрдү.

ooo

Каныш эне бир жума бою күттү, издеди, чарчап-чаалыкты, көзү талыды. Бул убакта Медет Көлгө үйүнө кеткен кез болчу. Эненин алдынан чыкканда тааныбай өтүп кетип, эртеси эле Феруза аны жетелеп алып кетип аллейге чыкпай калган болчу. Келгенине он беш күнгө таяп калса да уулунун дайынын биле албаган Каныш эне сарсанаага батып: "ботом эмнеси болсо да аман-эсен болгой эле, биртике тыйынымды дагы коротуп алдым, как талаада кала элете үйгө кете берсемби, алда-а кудай аа-ай пешенем тайкы тура, жалгыз уул берип тирүүлүктө анын азап-тозогун тартып жүрүп өтөмүн го, деги бир жалгызымды аман көрүп небере эркелетер күнүм бар бекен?!" деп зар ойлоп жүрдү. Бир кезде Ош базарынын ичинде арасында баратып жан чөнтөгүнө бирөөнүн кол салганын байкап кыйкырып калды:

- Оо-ой кокуйгүн, алды-ы, акчамды алып койду айланайындар! - деп көп элдин ичинен суурулуп четке чыгып, каткан жеринен караса акчасы жок. Ошондо эстеди, жана тамактанганда жан чөнтөгүнө салганын. Ошентип эне жарым тыйын акчасы жок кала берди. Эки саат мурун ар кимге боору ооруп: "ушулардын батасы тийип уулумду таап алаармын" деп кайыр-садага берип жаткан эне эми өзү мусаапыр боло түштү. Баякы бакылдап баатыр сүйлөгөн Гүлнар да ага көрүнө бербеди. "Ал кызын тапты бекен" деп ойлоду эне. Канчалык ыйлап-сактап ар кимден сурамжыласа да уулум тааныган бирөө чыкпады. Айласы куруп, аргасы кеткенде Гүлнардын сиңдисинин үйүнө бармай болду. Кайра өз оюнан өзү баш тартып, жакынкы арадан эптеп жатакана издеп көрүүнү чечти. Анткени бир жолу барган үйүнө маршурткага түшүп баргандан кийин бир топ басууга туура келет. Ошондуктан эненин ою: "кыргыз баласы бейтааныш болсо да кудайы конокту кабыл албай койбойт, сөзсүз бир кыргыз чыгаар, ал турсун кары киши экен деп сыйлап бир түнгө түнөтөөр?" деп ойлоп ар бир көчөлөрдү кыдырды. Жадагалса кардынын ачканын айт, эртең менен тамактанган бойдон акчасын алдырып ийисе да баарына кайыл болуп уулун издеп жүрө берип кеч киргенин байкабай да калды. Ал алы куруп адегенде эле Кыялдын алды жагындагы көчө менен барып Зеленая көчөсүнө түшүп эшик тыкылдатып кирди. Биринчи эшиктен эле жоо-жолпусунан келген аял чыга калды. Аны көргөн эне сүйүнүп кетип:

- Айланайын, акчамды алдырып ийип көчөдө калдым, бир түнгө түнөп кетейин, кудайы конокмун! - деди эне үмүттүү.

- Сага окшогон кудай коноктордон тажап бүттүм, барчы ары, жолдо жүргөн "бомжду" кудайы конок деп жаткыра берсем мага ким акча төлөмөк эле! - деп эшигин тарс жаап кирип кетти.

Каныш эненин бүткөн бою муздак суу сепкендей муздап барып кайра эсине келди да: "кой минтип тура берсем түнгө калам, эптеп бир жай табайын" деп ойлонуп андан ары дагы бир эшиктин каалгасын какты. Ал эшик көптө барып ачылды да жаш кыз баш бакты:

- Ким керек?

- Кызым, бир эле түнгө, корооңо эле киргизип кой, түнөп алайын, акчамды алдырып ийип, - деп муңканып барып сүйлөй албай тамагын жаш бууп каргылданып кетти.

- Акчаңды алдырсаң эмне кылайын, мага милдет кылбай жолуңа түшчү! - каалгасын жаап ичинен илгени угулуп турду.

Кызым, бир түнгө ырайым кыл, мендей чоң энең же эжең бардыр… - эненин айтканын жоопсуз кылды.. бир азга чыгабы" деп үмүттүү турду да андан ары жөнөдү.

Бир топко барып дагы бир эшикти такылдатты. Андан орус аял чыкты да:

- Что вам надо? - деди эшигин ачып ачпай.

- ?..

- Оо ужас, нет-нет, уйдите! - деп ал дагы эшигин тарс жаап алды.

Үмүтүн үзгөн Каныш эне алсыз сенделип андан ары карай жол улап, бул жашоодон көңүлү калгандай кетип бара жатты. Бул убакта жайкы саратандын түнкү он бири болуп калган эле. Андан кийин эле эне эшик каккан жок. Бир топ басып барып, басууга дарманы калбай калганда бир короонун түбүнө, талдан көрүнбөй турган жерине олтуруп таңды күтүүгө мажбур болду. Анткени эне эртең мененки боюнча оозуна наар албагандыктан алы куруп, бул турмуштан, бу жашоодон тажап, айтып келчү ажал болсо азыр алып кетсе да кайыл боло короонун дубалына жөлөнүп олтуруп калды. Бирок жашоо деген миң кырдуу эмеспи, эмеле ажал келсе даяр турганы менен анын бир ою: "оо кудай жалгызымдын жүзүн көрүп, үнүн угуп, ошонун колунан тамчы суу ичсем арман жок эле" деп ойлонуп олтуруп көзү уйкуга кеткенин сезбей да калды.

Эртең менен калдыр-шалдыр эткен дабыштан ойгонуп кетсе таң аппак агарып калыптыр, эне ошондо уйкунун ары жогун сезди. Болбосо өмүрүндө талаада, кара жердин үстүндө олтурган жан эмес эле минтип как жерде мемиреп уктаганын кара, чарчаган экен көрсө. Ордунан туруп, этек жегин кагып өйдө болду да кайрадан базарды көздөй жөнөдү илкип. Бул жолу уулун издөөдөн мурун кара курсактын камын көрүүнү ойлоп турду эне: "эптеп бирдеме өзөк жалгап алсам анан дагы кечке издесем, уулум алдымдан жарк этип чыга калса айылга кетип, мал-салдын барында үйлөнтүп-жайлантып койсом" деп, эне базардын күү-шаасына жеткиче ушул ойлорго берилип өзүнчө кыялданып баратты. Эненин жанына беш, алты жаштагы бала келип:

- Эне кайыр-садака бериң? - деп тура калганда эне эмне дээрин билбей туруп анан:

- Алда-а айланайын ай-яа-аа, азыр сен эмес өзүм да карыпмын, мага берээр киши жок… - деп алакан жайды да: "мен деле бир жерде олтуруп кайыр сурасамбы, бир аз тыйын түшсө айылга барып мал-жанды түгөлдөп, семизинен сатып пул кылып келип анан издесемби, үй-жайга ууру кирбеди бекен?" деп ойлонуп, анан "Берекет" базарынын оозуна туруп: "Айланайындар, кайыр-садагаңарды айабагыла мендей карыптан" деп жатты. Кээ бири: "жакшына эле кийинген кемпир экен" десе кээ бири: "мындайлар алдамчы, азыр кайырчылар миллионер болуп жатпайбы? " деп кетип жатты. Ал эми кээси үндөбөй бир сомдон берип өтүп атышты. Ошентип Каныш эне кайырчылык кылып түшкө чейин туруп бир аз тыйын түшкөндө арзан тамак-аш саткан жерге барып тамактанды. Тамактангандан кийин баса албай калса болобу? Көпкө олтуруп анан акырындан басып кайра дагы баягы жерге барып:

- Айланайындар мендей карыпка жардам бергиле! - деп тура берип, анан буту-колу сыздап ооруп башы тегеренгенде басып кетти да, эптеп жылуу түнөк издеп жөнөдү. Ал баратып Гүлнардын сиңдисинин үйүнө кетчү маршуртканын номерин эстей калды да аялдамага келип көп күтпөй эле жөнөп кетти. Каныш эне мугалим болгондуктан баарын түшүнчү. Тез эле көздөгөн үйүн таап алды. Гүлнар ал кезде айылга кеткен экен. Ошол күнү эне шаарга келгенден берки көргөн азап-тозогун айтып олтуруп акчасын жоготуп өзү мусаапыр болуп калганын кеп кылып зээни кейип:

- Ушул азапты жаратканына жараша уулумду таап алганымда болбойт беле? - деп көзүнүн жашын жоолук учу менен аарчып алды.

- Кейибеңиз эне, эжем да ошентип жүрүп зорго кызын таап кетти, - деди Гүлнардын сиңдиси. Анын бул айтканы калп эле, Гүлнар кызын таппай кеткен, кайра келээрин айткан болчу, - Ашыкпаган арабакеч араба минип койон уулаган тура эне, ар нерсенин сааты болот, көп эле кейий бербеңиз.

- Кейибей кантип чыдайм айланайын, өзүм алтымыш сегиздемин, менин жашымда балпайып гана төрдө олтуруум керек эле го?! - эне көзүнүн жашын шыпырып алды да ордунан туруп жатууга кам урду. Эртеси ал эрте туруп алып кайрадан көчөгө чыкты, эки көзү пьяный аллейдегы бомждордо, аракечтерде, алар улам стакан көтөрүп алган аялдарга барып жалынып-жалбарып жатып тамчыдай болгон немени жутуп алып ыраазы боло басып кетет да тигиндейректе туруп калышат. Каныш эне аргасыз дагы баягы көнгөн жерге келип туруп калды.

Эне негедир ал күнү үндөбөдү, тура берди өткөн-кеткенди карабастан, көздөрүндө ызалуу жаш тегерене жүзүндө көңүл чөккөн армандуу санааркоо билинип турат.

Ошол күнү түш оогончо туруп буту уюп, алы кетип алсырап, эми тамактанууга жөнөгөн турса айылдаш такси айдаган жигит жолугуп калды.

- Ой энеке эмне кылып жүрөсүз биерде, Медет сизди таппай жүрөт эле, көрдүңүзбү?

- Кайдан айланайын, кайда жүрөт, аман-эсен бекен кулунум, ошону издеп… - деген эне боздоп ыйлап жиберди! - Качан көрдүң аны?

- Үч күн мурун жолуккам.

- Оозуңа май, оозуңа май айланайын, деги жакшынакай эле бекен? - Эне: "эмне деп ийээр экен, ичет экен, жүдөп калыптыр деп айтаар бекен?" деп ойлонуп жиберди.

- Жакшынакай эле, иштеп жүрдүм дейт.

- Каралдым ошондой эле болсо экен, аман-эсен болсо болду айланайын, сүйүнчүңө бир кой садага, эми мени ала кет кагылайын, - эне аны суроолуу карады. Оюнда "албай койобу" деп ойлоп жатты.

- Мейли ала кетейин, уулуңузга жеткирип койойун, - ал "бир кой берейин" дегенди угуп жыпылдап жиберди.

Каныш эне жол киресин үйгө барганда мал сатып бермей болуп айылга келди. Келип эле шашкалактап үйүнө кирбей коңшу-колоңдорун кыдырып кирди.

- Ой айланайындар, уулумду көрдүңөрбү, кайда кеткенин билбейсиңерби?

- Кечөө сиздин шаарга кеткениңизди угуп, ал да шаарга кайра кетпедиби, - деди эшиктеш коңшусу.

- Олдо-оо кудай ай, биртике күтө турса болбойт беле, эми кайра качан келээр экен, айтпадыбы?

- Жок, айткан жок - дегенде Эненин шаабайы сууп туруп калды.

Аргасы кетип үйүнө кирип үй ичи түгөлдөп кирди. Үй ичи түгөл экенин көрүп коңшуларына ыраазы болуп турду эне: "байкуштар жакшылап кайтарып турган экен, болбосо жарым айдан ашык убакыттан бери үй ичинен калмак эмес" деп. Анан: "Күтпөсө арга канча, келип калаар" деп ойлуу олтуруп калды эне. Эмки үмүтү, оюнун баары эле: "Медет келсе, эптеп аман-эсен көзүнө көрүнсө аны дароо үйлөнтүшүм керек" деп жатты.

Бирок канчалык убакыт өтсө да Медет кечигип жатты. Эненин чыдамы кетип канчалык өзүн карманса да уулун көрүүгө ашыгып бирок элдин көрдүм дегенин жалгандай сезе баштады. "Эмнеси болсо да жалгызымды аман-эсен көргөзө көр" деп жаратканга жалынып жүрдү. Бирок андан эч дайын чыкпай кечигип жатты.

ooo

Медет Бишкектен жөнөп кеч күүгүмдө өз үйүнө келди. Келсе үйү бек турат, ары-бери караса үйдө көптөн бери адам жашабагандай болуп бир жамандыкты сезгендей чоочуп алды: "Үч жылдан бери келбесем, кайгыдан бир нерсе болгон жокпу, кайда кетти экен?" деп коңшусунан суроого баш бакты.

- Эже, апамды көрбөдүңөрбү?

Коңшу аян аны таңдангандай карап бир топко туруп калды да анан:

- Аа-аа сен келип калдыңбы, апаң сени издеп кеткенине он беш күндөн ашты.

- Кайда, шааргабы?

- Ооба, Бишкекке кеткен.

- Иий - деген бойдон Медет артына бурулду да үйүнүн айланасына бир сыйра көз чаптырып карап коюп, кайрадан жолго чыкты. Ал комокту көрүп негедир бир нерсесин унутуп калгандай кылчактап олтуруп ага кайрылып келди. Комоктон эмне аларын да билбеди, болгону анын көзүнө катар-катар тизилген бөтөлкөлөр урунуп кете албай бир аз турду да:

- Чоң кыз, жүз грамм куйчу?! - деди. Жүз граммды ичкенден кийин баятан берки ой-санаадан арылып: "алжыган экен, чоң шаардан мени табам деп кеткенин кара" деп койду өзүнчө. Анан таксиге олтуруп Бишкекке келди да, жол боюндагы столчиктен дагы элүүнү жутту. Кечки Бишкекти аралап Ферузанын үйүнө жөнөдү.

Феруза бул убакта уктай элек болчу. Ал телевизор көрүп олтурган. Коңгуроо чыр эткенде: "беймаал убакта ким келип калды?" деп ордунан турду да босогого жетип:

- Бул ким? - деди.

- Мен, мен эле.

- Мен Медетмин, - дегенде Феруза эшикти ачып жиберип:

- Оо-ой ушунча тез келип калдыңбы? - деп кубанып кетти.

- Ооба, тез эле келдим, - деген Медет бутун чечип үйүнө кирди.

- Мынчалык бат келгениңе жол болсун, - деди Феруза, анан: "апасы үйлөнгүң келсе кайра тез эле алып кел деген го?" - деп ойлонуп кетти.

- Барсам апам жок, мени издеп шаарга келгенине 15 күн болуптур, - деди Медет капалуу, - он беш күндөн бери кайда жүрөт десең.

- Таанышы бар беле шаарда?

- Кайдан, болсо да адресин билбейт да.

- Эми эмне кыласың?

- Эптеп издеп табыш керек го, болбосо бир жерде мусаапыр болуп жүрөбү ким билет? - деп үшкүрүп ийигенде анын оозунан арактын жыты бур этти.

- Ичип алгансың го ээ? - Феруза ага суроолуу карады.

- Элүү эле грамм ичкем, апам үйдө жок болгонунан…

- Болуптур, мындан кийин акылыңа келээрсиң.

- Мындай ары таптакыр ичпейм, кечирип кой!

- Макул, бирок баары өзүң үчүн, адамча жашоону каалабасаң өзүң бил. Кел чайга олтур! - деген Феруза столго чакырды.

Экөө көпкө чейин чай ичип тамактанып олтуруп эртең Каныш энени издөөнү чечишти. Феруза жумуштан калуу үчүн ооруп жатам деп справка тапшырууну чечти да, дароо врач болуп иштеген классташына чалды. Баары ойлогондой болду. Эртеси Феруза Медет экөөлөп Ош базарын тинтип чыгышты. Эч бир дайыны болбогон соң түш оой үйүнө келишти да олтуруп калышты.

Ошол күнү экөө өз ойлору менен алек болуп өз бөлмөлөрүндө жатышты. Түн, эки бөлмөдө экөө, экөөнүн тең уйкулары качып, үйдүн шыбын тиктей ойлуу жата беришти. Бир кезде эркек эмеспи, чечкиндүү түрдө Медет ордунан турду да майка-турсачан коңшу бөлмөгө баш багып бутунун учу менен басып барып Феруза жаткан төшөктү ачып жибергенде ал чоочуп кетти.

- Аа-ай бул ким, сенсиңби Медет?

- Ооба, менмин, чоочубачы, мен өзүмдү кармай албай эле…

- Ушул кантип болсун… - деген менен, Феруза аны күтүп жатканын мойнуна алгысы келбей назданып койду. Медет ой боюна койбой эле койнуна кирип барып өпкүлөп киргенде Феруза каршылык көрсөтүүгө дарманы келбей алсыз шалдырап жатып калды. Кантсе да анын мезгили келип калгандыкы го?

Ал түнү экөө бир бүтүнгө айланышты. Бир бирин толуктап үйбүлө деген чакан өлкөнү курууга бет алды. Медет Ферузанын кыз бойдон отузга чыкканча таза жүргөнүнө ыраазы болду.

- Рахмат жаным, мен үчүн сактап жүргөн аманатыңа, ыраазымын!

- Сени гана күтүп, сен деп бул жашоонун кызыгынан кечкенмин да. Эгер жолукпай койсок так өтмөкмүн өмүрдөн. Сенчи, сен мени күттүң беле, же башка бирөө менен…

- Койсоңчу жаным, мен деле үйлөнө элекмин, экөөбүз бир бирибиз үчүн жаралганбыз го?! - Ошону менен сөз бүтүп, канча түндөрдү уйкусуз өткөргөн Феруза мемиреп Медеттин койнуна уйкуга кирди. Ал ушул бүгүнкү күнгө, азыркы тагдырына ыраазы эле, Медет менен түбөлүк жашабаса да кайыптан бүткөн өңдүү бир наристе көрүп, ошонун жытын искеп бактылуу болгусу келди.

ooo

Ош базарынын жанындагы Кыялдын алдында көзү ачыктар туруучу жердин айланасындагы майда талдар менен арчалардын түбүндө жүдөп кейпи кеткен Сапар, Камбар, Султан үчөө олтурушат. Чөптөрдүн үстүнө стакан менен бөтөлкөнү коюп алып:

- Ээ Саке, - деди Камбар, - бу биз ушинтип жүрө беребизби, ыя?

- Анан эмне ажо болгуң келип атабы? - Сапар аны мыскылдай күлдү.

- Аттиң а-аай, ажо болсом кана, кыргыздын чек арасын илгеркидей чеп кылып, чымын өткүс кылат элем.

- Сен эле калдың эми, эми чеп эмес бүт Кыргызстанды боз үйдүн ичине бекитсең да болбой калды го, анткени душмандар арабызда кошо жүрөт.

- Ааа-ай сен билбейсиң да, мен ажо болсомчу ээ? - Султан сөзгө аралашты.

- Ийи сен эмне кылып ийет элең?

- Менби, мен кыргыздын кыздарын башка улутка тийбей турган кылмакмын, антпесе аз жылдын ичинде нукура кыргыз калбай бүт эле аргындашып калат го, неңди урайын.

- Ошону айтсаң, жөн да эмес сулуу, сулуу кыздарыбыз түрктөр менен америкалыктарга, кытайлыктарга тийип алып жатпайбы.

- Биздин.. Республика "обший дом" экенин билбейсиңби, ал эми обший домдо ким болсо да жүрө берет, сулуу кыздар менен келиндер да обший элдики!

- Эмне болсо ошол болсун, давай самаштан куй, андан көрө бул жашоонун кыйналышын, азап, тозогун сезбей ичип алалы да жата берели.

- Ырас эле, куй, ичели, самогон калып калганча жарылып кетсин ичеги, - деп Сапар булдурап ырдап кирди.

- Неңди-и акырын, жанагы кызыл шапкелер байкаса дароо тепкилеп айдап кетет.

- Ой мени эмне кылмак эле, чөнтөгүмдө сокур тыйын акчам жок, аларың азыр акчалууну күнөө кылбаса да алып барып акча өндүрөт, менден мынабу сасыган жыт эле өнбөсө.

- Чын эле, бир байкуштарды чыркыратып бейкүнөө камаганын көргөнүңдө акыйкатты жерден эмес көктөн да жолуктура албасыңа көзүң жетет.

- Экөөбүзгө акыйкатты, ажолукту ким коюптур, колго тийгенин кийип, ичип жүрө бербейлиби өлгөнчө?

- Келе куйчу, - дешип бир бөтөлкөнү бөлө ичип бүткөндөн кийин ордуларынан туруп жөнөштү. - Баягы биздин ойсокелерибиз көрүнбөй калды да ыя?

- Жүргөндүр да контейнерлерди чукулап, же мусор терип.

- Жүрбөйсүңбү үчөөбүз дагы өзүбүздүн контейнерди издеп шимшип келели, мүмкүн "товар" түшүп калгандыр, - деп үчөө тең байлар жашоочу айылды көздөй илкип жөнөп калышты. Алардын контейнер дегени мусор салган жашиктер эле…

Ээрчишип кетип баратышып бир нерсени эстей калган Сапар токтой калып:

- Достор, кимиңерде тыйын бар, шам-шум эткенге бирдеме албайлыбы? - деди экөөнү карап.

- Менде бир аз тыйын бар, силердечи? - деп Кадыр да чөнтөгүн аңтарып кирди.

- Менде он сом, - Султан чөнтөгүнөн он сом алып чыгып көрсөттү.

- Үчөөбүздүкү биригип отуз болот тура, жүрү нан-сан алып алалы.

- Чын эле, жер кыдырып жүрүп чарчайбыз. Аякка түнөп да калышыбыз мүмкүн.

- Ой ал жакта бияктагыдай подвал болбосо кайда түнөйбүз?

- Аерде бир кароосуз калган үй бар, мен билем, ошого түнөйбүз.

- Жакшы болбодубу, ары-бери басып жүрө бербей, бол анда кеттик.

Алар базарга кире бергенде алдынан Ажар чыга калды.

- Оо-ой кайран гана эргулдар, кайда жөнөп калдыңар ыя? - деди ал батташкан чачтарын сылап артка колу менен кайрып жатып.

- Сен кайда жүрсөң биз да ошоердебиз да, өзүң эмне кылып жүрөсүң?

- Эмне кылмак элем мурунга эчтеке иле албай эле, баары сагызгандан сак болуп калышты. Эки күндөн бери дурусураак эч нерсе табалбадым, - Ажар кабагын бүркөй унчукту.

- Эч нерсе эмес, сенде болбосо бизде бар, жанагы жаңыдан байыган кыргыздарга караганда биздин ыйманыбыз бар, боорукер келебиз селсаяктар.

- Ырас элеби ыя, абдан кардым ачты.

- Сейделер кайда?

- Алар кечээ күнү менден адашып калып ошо бойдон жок.

- Кайда кетишти экен?

- Алар аңга түшсүнчү, кана карын кампайтасыңарбы же жокпу?

- Бас үндөбөй, - деди Сапар, - билесиң, биз өзүбүз селсаяк болсок да кайрымдуубуз, - Ал Кадырды карап, - Туура айтып жатамбы достор, Ажардын көңүлүн көтөрүп койолу, ананкыны кудай өзү берер.

- Оп баракелде, - деди Султан, - Туптуура айтып жатасың, - андан көрө бир бөтөлкө алалы да нан, салат алып келе гой! - деп акчаны Сапарга берди. Бир аздан кийин төртөө бак түбүндө самогон менен нан, салатты ортолоруна коюп чечекейлери чеч боло, дүйнөлөрү түгөл олтурушту. Бөтөлкөнү ичип бир аз кызый түшкөн Ажар:

- Кайран гана баатырлар десе, силердин пейлиңерге ыраазымын ай, абдан ыраазымын, - каткырып калды, - менде жок десем ишенип калдыңарбы чын эле, андай күн эле болбойт да, мен келемиштен да жаман болуп калдым ай, бүгүн жирний шабашка кылгам, - самогонду жутуп, чөнтөгүнөн акча алып чыгат: - мына, силерди алдап койсом ишендиңер аа байкуштарым. - Акчасын кайра салып: - муну менен жок дегенде бир жума майрамдасак болот.

- Ой-ии Ажар, Эмне шабашка кылгансың ыя, аябай крупный го?

- Ананчы, - Ажар мактанып кирди, - мен кантейнерди кыдыры-ып жүрсөм эле тээ алыстан келген үчөө-төртөө оптом товар алып жатыптыр, а мен акыры-ын четке тура калбай жан жокпу. Анан эле тигилер эки коропканы бери мен жакка коё коюшту. Мен эки жагымды карап туруп баягыны ала коюп жөнөп кеттим. Эч кимдин иши да болгон жок, бирок кантейнерден чыкканча кара терге түшүп кеттим тим эле ай!

- Атаны байкушум ай, сенин көтөрүп келатканыңды көргөндөр унчуккан жокпу?

- Мен эмне, коробканын үстүнө жаман жемпиримди жаба койгом да.

- Укмуш ай! Ал эмне экен анан?

- Албы, ал кымбат баалуу духилер экен, болгондо да бирөө эки миң сомдук духилерден экен, а мен аны эки жүздөн эле саттым, бир коропкада ондон экен, ойда-а жыргаганымды айт, мына бул көйнөктү алып кийбедимби, - ал эскилиги көрүнүп, бирок таза көйнөгүнө мактана кетти.

- Маладес, эгер биз эч нерсебиз жок деп басып кетсек эмне кылаар элең ыя?

- Өз убалыңар өзүңөргө деп басып кетмекмин.

- Шумдук ай, биздин да кудайыбыз бар да, бирок чынында биздин пейлибиз кенен, анте алмак эмеспиз ээ достор?

- Кантип, ушу жашообузда пейлибиз кенен болбосо кудай урбадыбы. Акыркы жашообузга чейин бир бирибизден эч нерсе аябашыбыз керек!

- Туура, биз бир алланын алдына баргыча эркинбиз, бирок аякка баргандан кийин кудайым кандай кылат өзү билет..

- Кана балдар, эми эмне кылалы, күн кеч кире электе тамак-аш алып алалы да бүгүн бир тойлойлу.

- Давай кеттик! - деген Сапар алдыга түшүп жөнөгөндө калгандары аны ээрчий базарды көздөй жөнөдү.

ooo

Гүлнар айылына барып бир эки-үч күн туруп эле кайра шаарга келди. Кээлери менен сиңдиси ага:

- Баягы кемпир болгон акчасын алдырып жибериптир, эми кантип үйүнө кетем деп жатты эле, эмне болду экен?

- Апей ботом, карыган неменин ошол абалын көрүп туруп коё бердиңби, андан көрө колуна жол кире берип айылына салып койбойт белең, байкуш ай-йя, кантти экен? - Гүлнар ордунан туруп сыртты көздөй жөнөдү.

- Кайда жөнөдүңүз? - сиңдиси аны таң кала карады, - эми эле келбедиңизби, жолдо чарчап келдиңиз, эс албайсызбы?

- Байгамбар жашынан өткөн, умай энедей кары кишинин абалын билип туруп кайдыгер калганың адамчылык эмес, ошону бекер кылыпсың, мен аны Ош базарынан эле табам, жолуна төлөп таксиге салып жиберейин.

- Обу жок болбой олтуруңузчу, аны эми кайдан табат элеңиз? - Сиңдиси аны жактыра бербей олтуруп калды.

- Олтура бер өзүң, мен барайын, - деген Гүлнар жолго чыгып кетти.

Маршрутка менен Ош базарына келген Гүлнар эки жагын каранып Каныш эненин караанын издеп келе жатты. Бул кезде Каныш эне уулун күтүп үйүндө жүргөн болчу.

Керээлден кечке издеген Гүлнар Каныш эненин көчөдөн же базардан дайынын таппаган соң баягы пьяный аллейден издеп көрүүнү чечти. Аллейге келип ары-бери карап көрүп аерден да табалбады. Ал жерде кейпи кеткен аялдар, кишилер, жапжаш кыздар да өзүнө карабай адам жийиркенерлик болуп тамеки чегип, сөгүнүп олтурушат. Аларды көргөн Гүлнар өзүнүн кызын ойлонуп ийиди: "Шордуум эмне гана күндө жүрөт болду экен, ашкере эркелетип алганбыз го?" деп ойлоп Чүй көчөсүнө чыга бергенде машиналар токтоп жөө адамдар өтүп калганда Гүлнар дагы өтүп бара жатып маңдай тескей алдынан Аиданы көрө калып:

- Аа-ай Аида, токто кызым, токтоо-о! - дегенче машина сигнал берип калды, көрсө жолдун так ортосунда жалгыз туруптур. Эптеп өтүп Аида кеткен жакка жүгүргөн менен көзүнө көрүнбөдү: "Шүмшүк, менин үнүмдү угуп келүүнүн ордуна жоголуп кеткенин кара, менден качты ээ?" деп купуя ойлонуп алган Гүлнар бир топко ордунда тура берди.

ooo

Медет менен Феруза экөө бир бирине кадимкидей көнүп калышты. Күндө бир маал экөө ээрчишип чыгып базардын айланасын кыдырып карашат. Эч дайын болбогондон кийин үйүнө келишет да эки жаш бактылуу кыялданышып келечек жөнүндө сүйлөшүп олтуруп кечки тамактарын ичишет да эс алышат, телевизор көрүшүп олтурушат. Арадан билинбей эки жума өтүп кетти. Медет бир күнү жалгыз көчөгө чыгып Ош базарын көздөй жай басып кетип жаткан. Алдынан коңшусу жолугуп калып:

- Ой сен кайда жүрөсүң йя, апаң сени күтө берип жалгыз ооруп калды. Эмнеге кабар албай койдуң? - деп калды дароо эле.

- Мен апамды бияктан издеп жүрбөйүмбү, мен барганда жок эмес беле?

- Ошо сен барып кайра кеткен күндүн эртеси эле барган. Ошодон бери эле зарыгып күтүп жатпайбы.

- Анда апама айтып кой, мен келинчегим менен барам. Эмки жумада барып калабыз.

- Болуптур айтам, бирок эртерээк бар, апаң жалгыз үйдө аябай кыйналды.

- Сөзсүз барып калам, - деген Медет анан аны менен коштошуп үйүнө Ферузага сүйүнчүлөөгө ашыгып баратты.

Медет кубанычын Ферузага айтып келгенде ал дагы абдан кубанды. Ошентип экөө кеңешип, белек-бечкекти мол алып алышып айылды көздөй жөнөмөй болушту. Ферузанын чабылып, болгонун аябай белек-бечкекти да, Каныш энеге бир сыйра кийим алып жатканын да көргөн Медет ичинен уялды.

- Феруза, мунун баарынын кереги эмне, апамдын деле уучу кур эмес, көрөсүң го кудайга шүгүр эле турабыз, бирок сага чоң ыраазымын. Мени жаман жолдон кайтарып кайрадан жаңы жашоо бердиң. Эми минтип апамдын, элдин алдына жүзүмдү жарык кылып олтурасың. Апам менин ошол кейпимди көрсө эмне болоор эле, сага өмүр бою ыраазымын! - Медет Ферузаны кучактап өөп койду.

Ошентип эртеси алар такси жалдап жөнөштү. Алар Ыссык-Көлгө жетип өзүнүн туулуп өскөн айылына келип үйүн көздөй бурулду. Алар келгенде Каныш эне ооруп жатса да кубанычтан калдактап туруп мурунтадан камдап койгон жоолук, көйнөгүн алып жүгүрдү. Бат эле кошуналары чогулуп чачыла чагып тосуп алышты. Каныш эне жоолугун салып келинин өөп, сүйүнүп жүрдү. Ушул кезде эне ооруган жерин да унутуп коюп кызмат кылган келиндерге баш көз болуп, уулун кайра-кайра кучактап өөп, жаш баладай эркелетип жатты. Сүйкүмдүү, бирок Медеттин өзүнөн бир топ улуу көрүнгөн келинине ичи чыкпай турду. Ферузаны көшөгө тартып олтургузуп, жанына кыздар олтуруп, кирген-чыкканга келин жүгүнүп жатты. Келинди көргөн коңшу-колоңу Медетке абдан ыраазы болуп жатышты. Анткени ушунча жыл дайынсыз жүрүп куру кол келбей, апасына бир сыйра кийим менен дасторконго толтура шаардын тамак-ашын ала келгенине шыпшынышып:

- Айланайын Медетим жоош, момун, кудай бере турган бала, карабайсыңбы тимеле кандай гана ушактарды чыгарышпады эле. Көрчү талтөөндөй болуп эле иштеп жүргөн тура!

- Ошону айтсаң, баса көчөдө калыптыр дешпеди беле?

- Ошону айтып жатпаймынбы!

- Капырай десең, укмушуң кургур десе, ушунча да калпты чындай калып айтышам экен ээ? - деп таңдайларын такылдатып олтурушту.

Илбериңки кыймылдап, көшөгөгө олтуруп албай дасторкон жыйнашып, тура калып жумуш жасап жаткан келинине бир чети ичи ысып кетсе, бир чети уулун ушул эле айылга келтирбей алып жүрүп алгандай көрүнүп ичинен жаман көрүп да жатты эне.

Акыры эне уулун өзүнчө четке чакырып алып сүйлөшүп олтурду:

- Ыя садагам, мынча эмне шаштың, өзүң эле келсең, биякта кыздар бар эле го, мунуң канча күйөөгө тийип чыккан неме, айланайын?

- Койсоңчу апа, күйөөгө тийбеген кыз, ырас менден улуурак экен, бирок адамгерчилиги, кылган эткени, иштеген иши абдан жакшы.

- Ошентсе да балам, өтө эле улуу көрүнөт экен.

- Эч нерсе эмес, - Медет андан ары сөздү улатпай туруп калды: "минтип айтат деп ойлогон эмес экемин, мейли ким эмне десе ошол десин, болоору болду, а апама болсо кызматы, мамилеси менен жагып кетет сөзсүз" деп Медет ичинен ойлуу боло түшкөндө Каныш эне: "Ботом жалгызымды капа кылып алдымбы?" деген ойдо ордунан турду да бака-шакага аралашып кетти.

Оо, айылдын эли укмуш эмеспи, керээлден кечке кылар иши жок, ушак айтып ушак уккандан башка жумушу жок.

Медет менен Феруза жөнүндө бир топ сөздөрдү айтып, айыл ичи дүңгүрөп жатты.

- Медеттин аялы ушул кезге чейин күйөөгө чыкпаптыр, анан Медеттин ичкенин токтотуп, адам кылган ошол экен ай.

- Ырас эле, чын-төгүнүн ким: билет, тиги-ини ботом.

- Ооба, ооба чын эле ошентип жүрүшпөдү беле, бу аялы деле отуздан ашкан неме го кебетеси, буга чейин канча эрге тийди дейсиң, мунун жоош экенин байкап анан үйүнө киргизип алган да.

- Ошенткен да, болбосо… - деп олтурушканда Каныш эне аларды чакыртып жиберди. Анткени Ферузанын төркүндөрү кууп келе турган болуптур. Каныш эне тууган-уругун чогултуп, конок тосконго даярданып жатты.

Ферузанын агасы, жеңеси, атасынын бир тууган агасынын аялы, жездеси, сиңдилери кууп келишти. Медеттин жоош, момун экенин, үй-жайын, жашоосун, апасын көргөндөн кийин алар ыраазы болуп калышты. Бирок азыр алар ортодо кандай жагымсыз окуя болуп, бир туугандардын ортосунда кайгылуу тагдыр күтүп турганын сезишкен жок, тек гана эки жашка бакыт, таалай каалашып, эки жак тең кубанычта олтурушту. Каныш эне өзү жетимишке барып калса да кайраттуу, өз билгенин коё бербеген мүнөзү бар эле. Оюнда: "балам али жаш, чабылса чабылармын, өзүмө жаккан кыздардан алып берем!" деп бир чечимге келип калды…

ooo

Аида жолдон өтүп келе жатып апасынын үнүн уккандан кийин артын жалт карады да, апасын көөрү менен шаша-буша басып кетти. Узап кеткенден кийин артын бир кылчайып алып, көзүнүн жашын агызып ийди: "Алчаңдатып баккан атамдын, эркелетип өстүргөн энемдин жүзүн көрүүгө зар болуп турсам да жолугууга бетим чыдабады го кудай ай, эмне кылсам экен, апам байкуш мени издеп келген го?" деп базар аралап баратып бирөө менен сүзүшүп алды. Чоочуп кетип жаштуу көзү менен:

- Кечирип коюңуз! - деп өтүп кетээрде тигил бейтааныш адам:

- Эч нерсе эмес чоң кыз, мындай жерде боло берет, - деп Аиданы карап жылмайып койду да, - капасың го? - деди катарлаша берип.

- Ооба, сизге тиешеси канчалык? - деген Аида аны жаштуу көздөрү менен жактырбагандай карады.

- Капа болуу сендей сулууга жарашпайт, андан көрө таанышып алалы, менин атым Турат, - ал колун сунду.

- Таанышуу ошончолук эле сиз үчүн кызык болсо танышууга макулмун, атым Аида, - аны ызалуу көздөрү менен карап колун сунду. Ушул кезде анын жаштуу көздөрү ого бетер сулуу көрсөтүп турган.

- Эң сонун. Таанышканыма кубанычтамын, мен да эригип басып жүргөн элем, жүрүңүз суусун ичип бир аз кобурашалы, - деген Турат аны Ош базарынын кире беришиндеги "Айдана" кафесин көздөй колун жаңсай ээрчитип жөнөдү. Аида үнсүз анын соңунан баратты, ага азыр баары бир эле.

Турат өзү толмоч болуп турган менен жашы отуз бештерде эле. Кызматы жакшы, үй бүлө, бала-чака дегендей, баары жыйында болчу. Акыркы кезде жаңыдан депутаттыкка ат салышып тоголоткон ташы өйдөлөп жаткан убак. Бир жаман жери, бир жыл мурун аялы каза болуп калып жалгыздыктын курчоосунда калган. Убактылуу аялзаты табылат дечи, бирок түбөлүк оюндагыдай табылбай келет. Кийинки кезде бойдокчулуктан тажай баштаган. Жумуштан келгенде тамак-ашын жасап тосуп алчу адам жок, абдан кыйналды. Тамак демекчи, курсагы деле ачпайт дечи, бирок үй деген үй да, келсе томсоруп муздак дубалдар тосуп алат. Ойлонуп олтуруп үйлөнүүнү чечти, балдары да ата-энесиникинде.

Турат тамакка заказ берип коюп Аиданы кунт койо карап калды:

- Чоң кыз, кайдан болосуң?

- Таластан. - Аңгыча официант стол үстүн тамак-ашка толтуруп жиберди. Турат кичипейилдик кыла анын астына вилка менен кашыкты коюп:

- Алыңыз! - деди.

- Рахмат.

- Ата-энең барбы?

- Жок! - Аида сөздүн андан ары уланышын каалабай турду. Анткени алпештеп өстүргөн ата-энесин жок деп алып ачуу жаш тамагын бууп калды.

- Менин ата-энем бар, болгону үйүмдү жарык кылуучу сендей бирөө табылбай…

- Айалыңыз эмне болду эле?

- Каза болуп калган.

- Кечирип коюңуз, ошол суроо берип алганымды.

- Эч нерсе эмес, билбеген адам уу ичет.

- Рахмат түшүнгөнүңүзгө, - Алар тамактанып болуп ордуларынан туруп сыртка чыкканда базардагы эл суюлуп күн батып калган экен.

- Эми кайда барабыз? - Турат Аиданы карады.

- Аа - аа, мен өзүмдүн жатаканама барам го.

- Аида эгер туура көрсөң, жүрү мени менен, жок-жок, жаман оюм деле жок, жөн гана чөгүп турганыңды көрүп эле…

- Сизге ырахмат, дагы бир жолугарбыз… - Аида өзүнүн сойку экенин сездирбегенге аракет кылып андан эптеп кутулууга аракеттенип жатты, - жакшы барыңыз! - деп басып кетээрде Турат:

- Аида, мени түшүнсөң, менин үйүмдө чоочуй турган эч нерсе жок, мен болсо тынчыңды деле албайм, болгону бир аз болсо да сүйлөшүп дегендей кенен таанышып алсак…

- Сүйлөшкөндө…?

- Суранам, менин сага жаман оюм жок, укчу мени.

- Мм, - аярлай калган Аида эмне дээрин билбей турду.

- Жүрү Аида, мүмкүн бүгүн экөөбүздү бир периште жолуктургандыр?!

- ?...

- Суранам.

- Макул, - деди Аида бияктан бери суранып аткан бейтааныш адамдын көңүлүн кыйбай. Экөө катар басып бара жатышты. Турат жолдун жээгинде турган таксиге барып сүйлөштү да, Аида экөө таксиге олтуруп жөнөдү. Бат эле болжогон жерге жетип бийик дарбазалуу үйгө келип киришти. Үй абдан чо-оң салынган экен. Чынында Тураттын мактанарлык жашоосу бар болчу. Өзү айткандай ага бир гана үйдүн ичин жарык кылып мээрим чачып турчу ургаачынын гана жетишпегендиги эле. Турат үйгө кирип баратып алдыда жарык жандырып ашкана жагына өттү. Ал газга чай коюп анан телевизор сайды. Анан ыңгайсыздана туруп калган Аиданы креслого олтурууга жаңсады:

- Отур Аида, эч ойлонбо да кабатыр болбо! - деген Турат өзү да бир креслого олтуруп телевизор тиктеген тейде көз кыйыгын Аидага жиберип жатты. Азыр Аида абдан суз эле. Жүрөгү түпөйүл тартып, жолдон көргөн апасынын элеси анын көз алдына келе калып атты: "Аа-ай кудай ай!!! - деп алды Аида ички сезими туйлап, - Эмнеге ушул жолго түшүп кеттим десең, ата-энемден качкыдай күнгө туш келгенимди карасаң, эми кантип тирүү жүрөм, кантип?" деп жандүйнөсү сыздап турду. Анын кайгысы эмне экенин Турат билалбай чарк айланып сураса да ага жик билгизбеди. Эки көзү телевизордо, ою бейкүнөө ата-энесинде.

ooo

Сапар менен Ажар ээрчишип жүрдү. Алар колуна узун шиш алып ар кайсы "контейнерди" чукулап атышты.

- Ай Сапаш карасаң мобунун түбүндө жаңы-жаңы сапошка бар экен, менин колум жетпей жатат.

- Кана, деги дурус эле бекен?

- Укмуш ай, биердеги эл аябай богатый болушат окшойт, бир кийип эле ыргытып ийишет экен, карабасаң, ырас болбодубу кыш жакындап келатат, бутумда эч нерсе жок эле.

Бир кезде Сапар үстүнө жаман-жуман мусор төгүлгөн мусор яшиктен өтүк таап чыкты.

- Болот экен, сенин размериң тура!

- Атаны кудай жалгагыр ая, ырас болду! Баягы Сейде менен Жаркын кайда жүрөт болду экен ыя?

- Аларды эмне кыласың, алар да жүргөндүр эптеп жашап.

- Ушуякка келишсе алар да кыштык кийим-кече таап алат беле?

- Камбар менен Султан кайда кетишти бүгүн?

- Алар живой движение жасаганга кетишти. Бу Жалда абдан байлар жашайт эмеспи, тооктору да бар, экөө эптеп тоок кармап келсе ысык шорпо жасап ичели. Баса, баягы консерванын челеги барбы ыя тамак жасай турган?

- Бар эмей, аны кайда болсо даңкыйтып көтөрүп жүрбөйүмбү.

- Маладес!

- Ошентип койсоң. - Ажар эски баштыкка эски-уску кийимдерди көтөрүп алдыда келатты. Сапардын да жонунда мүшөк. Эмнеси болсо да бу Жалдан кыштык кийим жыйнап, көңүлдөрү ток эле. Болжогон жерге келишип эс алып калышты. Бир аздан кийин Камбар менен Султан да көтөрүнчөктөрү оор келишти.

- Охо-оо, олжолуусуңар го ыя?

- Буйруса, силерчи?

- Биз деле буйруса кыштык кийим-кечени таап койгонсудук.

- Оо азаматтар десе, ушул жакты ким ойлоп тапса да ырахмат эй, болбосо ар кайсы жерде движение кылабыз деп көрүнгөндүн уу тилине, муштумуна кайыл болуп эптеп нан тапсак таап таппасак ачка кылчылдап жүрө бермекпиз.

- Ошону айтсаң, кышындачы, ой ата - аа, эстегим келбейт, бир чыны ысык чай көзүңдөн учуп, көрүнгөн подвалда кылчылдап жатып түн бир оокумда туруп шимшилегениңчи.

- Ой аны эстетпечи. Аны ойлосом кышты көрбөй эле өлүп калгым келет.

- Баса, быйыл мен өзүбүз бата турган люктан орун таптым, эчким ээлей электе барып ээлеп калыш керек. Тим эле ыссык, кыштан чардап чыкчудайбыз.

- Ырас болгон тура, - Ажар шыпшынып алды, - мына көптөн бери ичпей калдык, ушинтип эки экиден кол кармашып оокат кылып кетели, - Ажар ойлуу жер карады, - адамча жашайлычы Сапаш, тажадым ушул селсаяк жашоодон.

- Селсаяк жашоо кимди тажатпайт дейсиң Ажар, төгүлгөн жер-жемишти терип жүргөндө ансыз деле өлүп калгым келет! Айла жок, жан таттуу экен, жашап жүрөм.

- Минтип өзүбүздү өзүбүз чөгөрө бербей, ансыз да күнү-түнү бут сунуп жатпай, ысык-жылык тамак ичпей ден-соолуктар бүтүп баратат.

- Ошону айтсаң, кышы-жайы талаада кылчылдап жатып күндүн нуру тийсе эле жан өзүбүздүкү, кардың ач болсо да күн жылуу болсо биз үчүн жыргал эле го? - деп төртөө олтуруп алып Камбарлар алып келген төрт тоокту жулмалап, томаттын идишине Ажар суу алып келип таш коюп асты да тооктун экөөнү салып, отун терип келип жага баштады. Бул окуя айылдын четиндеги ээн талаадагы таштандылар төгүлгөн чуңкурдун ичинде болуп жатты. Улам үч-төрт литрлик тамат идиштин озун ачып карап коюшуп, ыссык сорпо качан бышат дешип шилекейлерин кылк жутуп коюп олтурушту. Анткени көптөн бери сорпо эмес ысык чай ичпей калышкан. Муздак суу менен эле нан жеп алышчу. Бир кезде Сапар:

- Тооктун жүнүн бир жерге көмүп койбосок бизди кармап алса өлдүк, этият болбосок араң турганда… - деди тооктун парын чогултуп пакетке салып атып.

- Султан, сен бизден жашыраак эмессиңби, мынабу акчага рошки алып келе кал, тэ-этиги комоктон, - деп чөнтөгүнөн бырышып-тырышкан жыйырма сомду Султанга сунду.

- Ой баракелде десе, ушунча дагы камбыл жан болот экен ээ?

- Чын эле, эртең менен эле эчтеке жок деп жатпадың беле ыя Ажар? - Камбар аны таңдана карады.

- "Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт" дегендей бир күндө түгөтүп алсак анан бүгүнкү тооктун этин жалаң жейт белек.

- Туптуура, акылдуу аялсың Ажар, сен бир эркекти бактылуу кыла турган жөнүң бар.

Кобурашып олтурушуп заматта тамактын бышканын байкабай да калышты. Ал эми эки тооктун этин целлофанга салып көтөрүп алышты. Султан алып келген рошкини салып, этти мүлжүп олтурушканда тээ тигинден аларды көздөй эки караан келе жатканын көрүшүп ордуларынан тура калышты. Алар өздөрүн издеп келе жаткан адамдар эле. Көрсө алардын тоогун кичинекей балдарына көрсөтүп эле кармап алышыптыр. Төртөө тең төрт тарапка качып жөнөштү. Жеп жаткан тамагы калды ошол жерде. Тигил экөө кимисин кубалаарын билбей туруп калышты да, акыры четтеги Сапарды кубалап кармап алып буту-колун бууп, кайра дагы Камбарды кубалап кармап экөөнү аябай тепкилешти да:

- Эн-неңди урайын бомждор десе, экинчи ушул жерден көрүнсөңөр өлөсүңөр, кеткиле бул жерден, ууру кылганды койбосоңор бирди көрөсүңөр! - деп сөгүнүп басып кетишти.

Бети башы сыйрылып, көздөрү көгөргөн Сапар менен Камбар онтоп ордуларынан туралбай жатып калышканда алардын жанына Ажар менен Султан келип экөөнү тургузуп жөнөштү. Тигил экөө бейкапар бышып жаткан оокатты көрүп жүрөктөрү айланып басып кетишти. Алардын идиш дегени эптеп эле раманын идиштери эле. Кир болгон пакеттин үстүнө этти коюп коюшуптур. Аны аларга ыраа көрбөй пакет менен кармап ыргытып жиберишти. Бири тамакты төгүп таштаарда:

- Койсоңчу, убал болот, ушуларга кудай буйруп койсо кантесиң, көп эле кордой бербейли, жакшы эле сабадык, эми тамакты ичсе ичип алсын, - деп төктүрбөй койду бириси.

Сапарлар илкий басып тепки жеген жерлери оорутса да эптеп тамак ичүүгө келишти. Келип эле ыргыткан этти таппай калды, анан бир убакта ары жакта жаткан пакетти таап, анын айланасынан тооктун этин топурак болуп калса да таап тазалап жеп тамактанып алышты. Алар ушул жолу жаратканга жалынып атышты. Тамакты төкпөгөн үчүн. Бейпил турмуш менен бечара турмуш, бай турмуш менен жай турмуш бири бирин кууп бири-бири менен үзөңгүлөш өтө берет тура! Ошентип бирөөлөр ичпесинен ит багып семиз эттерди итине берсе, бирөөлөр анын сөөгүн мүлжүгөнгө зар болуп жашоо өтүп жатты.

ooo

Феруза кайненесине абдан кайрымдуу жерге-жээгине алымдуу келин болду. Ак эткенде так этип жашы өткөндө тагдырдын буйругубу же атайылап алганына, аны үйүнө алып келгенине кудай боору оорудубу, эмнеси болсо да Медеттин ага түбөлүк жар болуп калганына жетиналбай кайын энесинин оту менен кирип күлү менен чыгат. Медет ага тескери көз карашта эмес эле. Ал ага өмүр бою кул болуп өтүүгө ант бербеди беле? Бирок Феруза Медеттин кылаар ишин да жасап коёт кезде. Ага Медет көнүп алып иш жасагандан эринчү болду кийинки күндөрү.

Феруза бир күнү күндөгүдөй эле эртең мененки чайын ичкенден кийин дасторкон жыйып жатып көңүлү айланганын сезди. "Ооруп калдыңбы, эмнеге башым айланып кускум келет?" деп ойлоп Каныш энеге айтты эле:

- Эч нерсе эмес балам, боюңа болуп калса керек, - деди эне.

- Коюңузчу, бойго болгондо ошентеби? - деп Феруза таң кала сурап калды эле эне аны жактырбай:

- Ушул убакка чейин далайды төрөгөндүрсүң, калп эле аңкоолонбосоң, баламдын башын айлантып "кызмын" деп тийип алып, - деп дагы көп сөздү сүйлөп ары басып кетти.

- Койчу апа!!! - Феруза мындай сөз угам деп ойлогон эмес эле. Каныш эненин кеткен жагын карап үндөбөй нес боло туруп калды.

Каныш эне үйгө кирип кетти. Жетимиш жаш кандай курак? Кечээги эненин уулун издеп кудайга жалынып: "уулумдун уулун көрсөм, небере багып төрдө олтурсам, эптеп эле уулум аман-эсен келип аял алып мени келиндүү кылса" деп ыйлаганы эсинен чыгып: "өлүңдү көрөйүн шуркуя, баламдын башын айлантып тийип алганын кара" деп күбүрөп-шыбырай берчү. Бирок анын сөзүн Феруза укпаган жана антип айтаарын сезбеген. Бүгүнкү сөзү анын көңүлүн оорутуп койду. Ушул үйгө келгени ишин да таштап койгон болчу. Ал кайненесинин сөзүн Медетке айтпады. Кечинде ал келгенде Феруза ооруп жатканын айтып шаардагы үйүнө барып дарыланып келүүнү суранды эле, Медет макул болду. Феруза эми үйдөн чыгып баратканда келини Жамал келип калды. Аны көрүп Феруза кайрадан үйүнө кирип, ал күнү кетпей калды. Жамал Ферузанын бир тууган инисинин аялы. Аны биякка кызынын ал-абалын билип келүү үчүн ата-энеси жиберген эле. Медет менен Феруза аны улак союп коноктоду да, эртеси Феруза жолго чыгып кетмей болушту. Каныш эне чын пейилинен ызаат сый көрсөтүп жатты. Канткен менен уулун Ферузадан алыстатууну көңүлүндө бекем түйдү да, сыр билгизбей уул-келининин кабак кашын карап отурду. Эртеси Феруза менен Жамал жолго чыкты эле, аларды Медет узатып жатып:

- Феруза, эртерээк кел, же өзүм барып келейинби? - деди эле ал:

- Жо-оок жок, өзүм эле келем, - деди таксиге түшүп жатып.

Ферузаны узатып жаңы эле үйгө кирген уулун карай Каныш эне кейий сүйлөдү:

- Алда-аа айланайын карылдым ай, шаарга барам деп энеңди да унутуп кайдагы немени таап алгансың деги?

- Эмне деп жатасың апа, сизге Ферузанын эмнеси жакпайт?!

- Эмнесин сурайсың балам, өзүңдөн бир топ улуу көрүнүп турганын өзүң деле билип турбайсыңбы?

- ?…

Медет үнсүз олтуруп калганда эне кайра баштады сөзүн:

- Жалгыз сенин карааныңды жөлөк кылып, өзүңдөн көптү үмүт этип жүрсөм… - Эне ыйлап көз жашын жоолук учуна аарчый: - Сен кайдагы бир картаң немени ээрчитип келип элге уят кылдың.

- Апа! - Медет Каныш энени караганда анын көздөрүндө ызанын жашы тегерене түшкөн эле: - Апа, ал мени жаман жолдон кайтарган, мени адам кылган, анын жакшылыгын мен кантип унутам, эгер ал болбосо менин караанымды көрбөйт элеңиз!!!

Медет отурган ордунда жер карап бир аз олтурду да, башынан өткөнүн энеге жай түшүндүрүүгө аракеттенип жатты жана өзү да ошол өткөн күндөрүнө кайрылып ойго чөгүп кетти…

ooo

Медет Каныш эненин сатып берген уюнун акчасына шаарга келип оголе көп товар алган. Анан ал вокзалга келип такси издеп калды. Бир кезде колундагы көтөрүп жүргөн жүгүн унутуп эле тээ арытан таксиге сүйлөшүп туруп калды да, макулдашып болуп эле эми жүгүн эстей коюп караса жанында жок болуп чыгат, ал өзү да эстей албайт кайда койгонун, ары жүгүрөт бери жүгүрөт - таппайт. Акыры түңүлөт да томсоруп олтуруп калат.

Ошондо Медет үйүнө келе берсе деле болмок, жанында жолдук акчасы бар болчу. Бирок ал намыс кылды, товарын жоготтум дегенден уялды. Анан вокзалда ары-бери жүргүнчүлөрдү карап басып жүрдү, бирөө-жарымдан сумкамды таанып алаармын деген үмүтү зор болду, бирок айланчыктап жүрсө да таба албады, баарынын эле көтөргөнү чаар баштыктар, кимисиникин кармайт бул меники деп. Аргасы кетип үмүтү үзүлгөндө анын курсагы ачып бир ашканага кирди да, тамакка заказ кылды. Тамактанып олтуруп бирдеме ичкиси келди, анан жүз грамм арак алып ичти. Аны ичкен Медеттин бираз ич күйдүсү басыла: "ээ атасынын көрү, баш аман болсо баары табылаар, эртең эптеп үйгө кетип калайын" деп ойлоп дагы бирди ичкиси келди. Өмүрү ичпеген Медеттин башы айланып эңги-деңги боло түштү. Ордунан туруп сыртка чыкканда кеч болуп калган эле. Ал эптеп башы ооган жакка кетип жатты. Алагүү болуп калган Медет жолдо олтурган столду көрүп дагы ичкиси келип акчасын алып жүз грамм ичкени жатканда бир жүдөмүш анын жанына келип:

- Тууган, өлгөнү турам, элүүнү куйдуруп кой, - деп мусаапыр болуп турганда Медетке анын кейпи өтө жаман көрүндү да:

- Жоголчу, мен жыргап сен эле калсаң да, өзүмдүн кайгым өзүмө жетет! - деди колун жаңсай. Анын азыркы ичкени ого бетер башын айлантып койгон.

- Тууган, боор ооруп койсоң, жүрөгүм… - деп көкүрөгүнө бир колун коюп жалдыраганда Медет аны оңурая бир карап алды да:

- Жүздү куйчу, энеке! - деди столдогу аялды карап. Өзү бул кезде мас болуп калган эле. Андан кийинкисин билбейт. Эртең менен турса башы зыңгырап ооруп калыптыр, сасык жыты каңылжаарды жарган жертөлөдө жатат. Ордунан туруп кийимин какты да, сыртка чыкты. Жанында бир сому жок, алиги киши тоноп кеткендей. Ал базарды көздөй басып баратып кечээ эмне болгонун эстеп баратты. Эч нерсе эсинде жок. Башы ооруп, карды ачып турса да аргасыз ары-бери басып жүрдү: "Эмне кылыш керек, кечээ кетип калсам болмок экен эми канттим?" деп Ош базарынын тегерегинде басып айланып жүрдү. Ал шаарга биринчи жолу келиши. Бу жерде мас болгон аял-эркектердин ары-бери жетелешип жүргөнүн, бир жерде бактын түбүндө жаткандарды көрүп таң калды. Медет кечке ачка, же башы басылбай аркы-терки басып жүрдү. Акыры аргасы кеткенде колуна стакан кармап алып сумка көтөргөн аялдардын жанына басып келди. Бирок алардан сураганга даай албай туруп калганда бир киши келип самогон ичип калды эле Медет:

- Аке, башым оруп турат… - деп туруп калганда мындай башынан далай өткөнбү, ал киши кийими жупуну, жүдөө болсо да марттык кылды:

- Куйчу карындаш, мынабу иниме дагы жүздү куй, биз селсаяктар эч нерсе аябайбыз, барда бардай, жокто жоктой болгон жакшы!

- Чоң рахмат, байке! - Медет куюлган самогонду алып жиберип оозун басып калды. Эртеден бери ачка жүргөн Медет жүз грамм самогонго абдаарый түштү. Берки киши өзүн Керим деп тааныштырды. Бир аз сүйлөшүп турган соң кайрадан жүздөн ичишти. Медет: "башым жазылса болду ичпейм" деп ойлогон эле, бирок аргасыз ичүүгө туура келди. Азыр аны Керим башкарып алды:

- Эй балакай, жүрү, экөөбүз бир жерге барып "движение" кылып келебиз - деп калды.

- Кайда барабыз байке, движение дегениңиз эмне? - Медет таң кала аны карады.

- Билбесең сураба, бара көрөсүң! - деп койду Керим. Экөө кетип баратышты. Бир кезде Керим токтой калып: - балакай, сен бул шаарда жашап "движение" жасап көрдүң беле? - деп сурап калды.

- Жок ай байке, кайдагы движение, биринчи угушум. - Саал тартына жооп берди Медет, анткени ушунча жашка келип жигит болуп туруп "движение" билбеген келесоо" деп айтат го деп ойлоп турду ичинен.

- Эмнеге мындай балакай, сенин кийимиң нармально болуп турат ээ?

- Ийи, ооба, - Медет дагы эле түшүнө бербеди.

- Сен азыр контейнерге киргенде товар ала тургансып көп киши турган жерге барып ар кайсыны сурап тура бер да байкабай калганда ала коюп мени көздөй узата бер, мен шап бекитип ала берем. Байкатпагандай кыл.

- Ай байке, мен антип алалбайм да.

- Сен ал да, болбосо ачкадан өлөбүз, же сенин үйүң барбы шаарда?

- Кайдагы үй, айылга кеталбай калдым.

- Анда жашаш керек, уктуңбу?

- Уктум, - Андан ары экөө үнсүз тең кетип баратты. Медет мындай ишти жасап көрбөсө да аракет кылууну көздөп атты. Керим болсо бүгүн бир нерсе табаарына ишенип турду. Акыры ойлогондой эле Медет бир нерсе эптеп чыкты, бул жолу анын колуна блок батарейка тийди. Аны Керимге берип коюп, экөө дагы арылады. Дагы бир жерде үймөктөшүп турган элдин жанына барып коробка самынды алууга үлгүрдү. Ошого шүгүр дештиби, дароо контейнерден чыгып жөнөдү. Ал күнү экөөнө той болду. Кечинде аны Керим тээ темир жолдун жээги жактагы суу түтүгү кетчү люктун жанына алып келди да:

- Ээ балакай, биздин үй ушул, көптөн бери мен ушул жерде жашайм, - деди төмөн түшүп жатып.

- Эй байке, а буларыбызды ток жок кайда бышырабыз? - деп Медет таңдана сурады.

- Түш, түшө бер, анын айласын оңой эле таап коёбуз.

- Азыр, - деген Медет бирин серин ары-бери өтүп жаткан элди карап, чуңкурга түшкөндөн тартынчыктап жатып түштү. Ичине кирген Медет кызуу болсо да таң калып турду. Анткени ичи абдан кенен анан каршы-терши өткөн ысык, муздак суунун трубалары бар экен. Сыртта күн ыссык болсо биер да абдан ыссык, анан сасык жыт бар экен.

- Сасык го? - Медет Керимди карап үн катты.

- Экөөбүзгө баары бир эмеспи, үйүң болбогон соң айла жок, келе андан көрө алдагы балыкты, уха жасай коёлу, - деди ал Медетти жактырбай.

Анан караңгы жерден калдыратып төрт литрлик томат идишин тапты да эки-үч кирпичтин үстүнө коюп мурдатан даярдаган суусунан куюп от жагып кирди. Бир заматта чуңкурдун ичи түтүнгө толуп чыкты.

- Азыр от жакшы күйгөндөн кийин түтөбөй калат, - деди Керим улам отун салып жатып, - Келе тигинден берчи, жутуп алалы!

Медет жана ала келишкен самогондон куюп, ага сунду:

- Мына!

- Өзүң да жутуп ал!

- Өзөк жалгап алып ичпесем, кечээги бойдон эч нерсе ичелекмин.

- Эч нерсе болбойт, ачка экениңди унутуп каласың.

Медет да жүздү жутуп анан бөтөлкөнү ары коюп койду. Анан экөө көпкө чейин жылт-жылт этип күйүп жаткан отту тиктеп олтуруп калышты. Алардын эмне ойлоп жатканын ким түшүнмөк, болгону азыр алардын ою эптеп кардын тойгузууну көздөп, ичтери ачышып турганы белгилүү эмеспи.

ooo

Көңүлү чөгүп турганын сезген Турат Аиданы өз жайына коюуну чечти. Өзү башка бөлмөгө кетээрде ал:

- Аида, менин уйкум келип жатат, эми сен жакшы эс ал ээ, мен сага тоскоолдук кылбай жата берейин, ансыз да капа болуп турасың, тигил бөлмөдө диван, төшөк баары бар, уйкуң келсе жата бер! - деди.

- Макул, - Аида мисирейген бойдон олтура берди Турат бөлмөсүнө кирип кеткенден кийин Аида дагы телевизорду өчүрүп коюп көрсөткөн бөлмөгө өттү. Анын эч нерсеге көңүлү жок эле. Диванга төшөк салып анан үйдүн ичин көңүл бура айлантып карап калды да, төрдө Турат менен бир түшкөн келиндин сүрөтүн көрдү. Ал күлүмсүрөп бактылуу болуп түшкөн экен: "Аялы го? - деп ойлоду Аида. - Татынакай келин экен…" - ичинен ушуну ойлоду да: "ваннасы болсо жуунуп алсам кантет, ой-санаадан да арыла түшөт белем?" деп бөлмөлөрдү кыдырып көрүп үйдүн ичинин ушунчалык кымбат буюмдар менен жасалгаланганын, таптаза экенин көргөндө: "кандай бактылуу аял туш болоор экен, үйлөнсө?" деп да ойлонуп алды.

Ваннага түшүп сергип алып, диванга жатып алып да уйкусу качып, Турат жөнүндө ойлонуп жатты: "Эмнеге мынчалык назик, эркектердей эмес экен, өзү бойдок болсо, жанында сулуу селки турса тартынганы эмнеси? Башка эркек болсо… Артыкча маданияттуу тура!" деп ойлонуп жатып уйкуга алдырганын да билбей калды.

Эртең менен Турат эрте туруп газга өзү чай коюп көнүмүш жумушу сыяктуу тамак даярдап жиберди да Аиданын ойгонушун күтүп эртемененки "Замана" берүүсүн көрүп олтуруп калды. Катуу уктап калган Аида көзүн ачканда эбак күн көтөрүлүп калган экен. Шаша-буша туруп чачтарын тарап, жаткан жерин иретке келтирип, анан ваннага кирип жуунуп, анан кетүүгө камынып калганда Турат:

- Аида, шашып кайда, тамактанып ал, анан деле жетишесиң, - деди.

- Жок-жок, тим эле коюңуз, мен эрте кетишим керек болчу, уктап калыптырмын.

- Койчу Аида, мен сен турганча тамак даярдап коюп күтүп жатпадымбы. Отур, эртемененки насипти татып кет!

Аида Тураттын көңүлүн кыйбай кыйылып туруп дасторконго отурду. Экөө көпкө чейин кобурашып тамактанып олтурушту.

- Тамакты таттуу даярдайт турбайсызбы, - Аида көнө түшкөнгө тамашалай сүйлөдү ортодогу тынчтыкты буза.

- Сага жагып калса өмүр бою ушинтип жасап берип турат элем.

- Мага чыны жакты. Бирок кайдан сиз мага тамак жасап берет элеңиз? - Аида аны жадырай тиктеп суроо берди.

- Сен иччү ашканаларда болсом дегеним да.

- Аа-аа, мен ар кайсы кафеден ичсемчи?

- Баарында мен болом сиз үчүн!

- Ха-ха-ха, - Аида абдан ыраазы боло каткырып күлдү. - абдан сөзмөр, тамашакөй экенсиз.

- Көңүлүңдү ачайын деп жатпайымбы.

- Рахмат байке!

- Эч нерсе эмес, кээде келип менин ресторанымдан тамактанып тур, асобый заказ менен.

- Болуптур, анда барайын.

- Жакшы бар. - Турат Аиданын колун кыса кармап узатып.

Ал маршруткага түшүп кеткенден кийин үйүнө кайтты.

Аида кайрадан санаага батты: "Кайрадан жатаканага барса эле Суусар клиент издегенге шашат. Андан көрө квартира издеп табайын да, жашоомду өзгөртөйүн, антпесең болбойт" деп ишенимдүү кадам таштады.

ooo

Феруза шаарга келгенден кийин келинин айылга жөнөттү да, өзү ойлуу диванга шалак бой таштады: "Эмнеге адамдар ушундай? Көңүл калаарын, жүрөк ооруп калаарын эмнеге ойлошпойт, ал ойлогондой мен бир күйөөгө тийип бала төрөп көргөн аял болсом го? Жо-жо-ок, мен эми барбайм эч жакка, эми мага баары бир, жалгыз эмесмин, кыз өппөгөн жигиттен тукум алып калдым, эми менин эрмегим болот, болгону ушуну эптеп сактап калышым керек!" деген чечимге келип ордунан турду да мындан ары өзү үчүн эмес ичиндеги али дайынсыз кызыл эт үчүн жашоону ойлоп өзүн эне катары кам көрүүгө бел байлады.

ooo

Медет канчалык ал жерге жашагысы келбей жатса да аргасы жок эле. Анткени анын азыр жолго төлөй турган акчасы болсо айылга кетип калмак же квартирага төлөөр эч нерсеси жок тигил үксөйгөн чалдын башкаруусуна көнүүдөн башка жол жок болчу. Абышка арыдан бери түтөтүп жатып балыкты кайнатып раманын идиштерине аздан куюп иче баштады. Рамага шорпону куйган сайын кичирейип баратты. Эптеп балыктын шорполорун самогон менен ичип алышты да бүгүнкүгө ушул жетет дегендей ал күнү жатып калышты.

Эртең менен ордунан турган Медет кичинекей тешиктен сыртка чыкты. Жагымсыз жыт менен ысык суунун табы думуктуруп тердеп чыккан ал таза абага чыгып эс ала түштү. Канчалык ысык аптап болгон, менен эшик менен тигил чуңкурдун бир топ айырмасы бар экенин Медет азыр сезди: "Минтип жүргөнүм болбойт Эптеп үйгө кетишим керек" деп ойлоп басып кетээрде артынан чыгып келе жаткан Керим аны токтотту:

- Эй иничек сен кайда, кечээгиден бир аз тыйын бар менде, жүрү өзөк жалгап алалы, баш да ооруп турат…

- Жок аба, мен эптеп кетпесем апама кыйын болот го, ал бечара менсиз уйку бетин көрбөй азап чекти го үч күндөн бери.

- Ээ-эй жашсың да, мейлиң кетсең кете бер, бирок эртең мененки насипти таштаба!

- Болуптур аба, - деген Медет артына кылчайып туруп калды. Азыр чындап эле анын да башы ооруп турган.

Экөө ылдамдап басып бат эле Ош базарына жетип келишти. Базардын түндүк тарабында эски-ускуларды саткан жерде топтошкон өздөрүндөй талааны мекен кылгандар олтурушкан. Алар Керимди мурдатан эле таанышчу. Түнү менен уктабай эле ичип чыгышканбы мас экен.

- Ой абышка, кайда көрүнбөй кеттиң же жылуу жай таптыңбы? - деди бири булдуруктап

- Кайдан, кече кичине ичкенге бир жерге кулап калыпмын, азыр башым сынып турат, андан көрө бирдемеңер барбы?

- Ой зыкым оо-ой, бирдеме чыгабы деп, биз сени көрүп кубанып атса, ушул абышкадан өнөт го деп. - деди бир аял. Ал өтө жаш эмес, өтө кары эмес отуз бештердеги Асыл эле. Анын булардын арасына кошулганына бир топ болуп калган. Канча табылса ичет да туш келген жерде жатып калып башын көтөргөндө дароо эле ичкенге шашат. Анан калса жеринен кармаак неме мындай чыкса бирдеме илип ала коёт. Ош базарындагылардын баары аны таанышат, ал келе жатканда саксактап турушат. Ал Керим менен көпчүлүгү эрди катындай эрчишип жүрчү, анан Добул келгенден бери ага ыктап кеткен. Эми ал Керимдин жанындагы Медетти карап аны имерчиктей түштү:

- Сенде болбосо тиги жаныңдагы жаш жигитте бар чыгаар, оозуңду куу чөп менен аарчый бербесең жөн эле. Азыр сенде болсо анан бизде болот. Селсаяктар деген бир биринен аябаш керек, уктуңбу ыя?!

- Туура айтат Асыл, биз селсаяктар бир бирибизге боор оорубасак анан ким бизди аямак эле ыя? - Гүлнара Асылдын сөзүн кубаттады.

Бир кезде арасынан бирөө төш чөнтөгүнөн элүү сомдук алып чыкты да:

- Туугандар, мына муну кечээ тапкам. Силерге насип экен, ырас эле биз бомждор, селсаяктар бир бирибизди аябасак, бири бирибизге бербесек кимдер аяп, кимдер берет! - деп анан, - Азыр мен… - деп ары көздөй басып кетти. Бир аздан кийин бир бөтөлкө самогон, салат, нан кылып көтөрүп келип калды. Заматта аларга майрам болду да калды.

Медет жүз грамм алып акырын алардын жанынан басып кетип баратканда Гүлнара:

- Ай жигит, кайда кетип атасың, "кемеге түшкөндүн жаны бирге" дегендей унчукпай басып баратканың эмнең, туура сен бизге караганда тың экенсиң, кардың да ток болсо керек, бизди теңиңе ала турган түрүң жок, - деп тийишип калды.

- Эже, кечирип койгула, мен кетишим керек эле… - деп Медет мукактанып калганда дагы бири:

- Ээ жигит тыңсынбай отура тур да, эмнеге эле кычырайсың?! - деп тишин кычыратты.

Медет бирдеме десе уруш чыгаарын сезип үндөбөй туруп калды. Кайдан тапкандары белгисиз улам бирден бөтөлкө ичип отуруп баары мас болуп калды. Ары өтүп жаткан эл буларды көрүп жийиркенип өтүп жатты. Кээ бири: "булар бул жашоодон кечкендер да", дешсе кээ бири: ботом булардын тууган-уругу жокпу, жапжаш келиндерге эмне жок, тирүүлүктөн түңүлгөндөй селсаяк болуп алганын кара?!" деп кетип жатышат. Чынында булар баарынан кечип күнүмдүк жашоого өтүп, тирүүлүктүн кызыгын, жашоо кумарын сезбей көрүнгөн жерди түнөк кылып, коробка менен чөптү төшөк кылып, жашоодон үмүт үзгөндөр эле. Ошол эле олтурган жерде эркек сөрөйлөрү тигил экөөнү кучактап өөп дүйнөдө алардан өткөн бактылуу жоктой ырдаганга киришти.

- Жол карап өттү күндөр, койнумда сагыныч бар, үзүлбөйт сен деп күдөр… - деп барып Асыл уктап калды.

Бул кезде Медет да абдан кызып калган эле. Өзү менен эч кимдин иши болбой калганга ал кетүүгө камынды да, же кызуулугунанбы же чындап эле аларга боору оорудубу: "Жок менин кетип калганым болбойт, булардын арагын ичип басып кеткен жакшы эмес, андан көрө мен дагы бирдеме алып берип анан кетейин" деген ойдо базарды көздөй басты. Ал азыр кечээги Керим айткандай контейнерге кирди да эл көп топтошкон жерге барып ар кайсыны сурап атты. Анын кийим кечеси түзүк болгондуктан андан эч ким шек санаган жок. Ошондон пайдаланып ал коробка ручка, блок самын алып алды да дароо чыгып кетти. Сыртка чыгып алып: "мен ууру болуп калдым да апам билсе эмне дээр экен!?" деп ойлоп калды. Аңгыча алдынан бир аял чыгып:

- Айланайын алдагы самының канча? - деп сурап калды.

- Он беш сом эле.

- Келе мага бер, ушул самын үчүн кирбей эле коёюн ичке, - деп акчасын берип самынды алды да сумкасына салып кетип калды.

Медет андан ары ручканы сатууга өттү. Бир блок ручканы бирден сатып бат эле акча таап алганына корстон боло баягы жерге келди. Алардын көбү олтурушуптур. Керим жок экен. Медет бир бөтөлкө самогон менен нан, салат кылып көп нерсе алып келди: "Апам менин ууру кылганымды билип коюптурбу, эптеп барганыма кубанаар, эртең дагы акча таап сөзсүз айылга кетем!" деп ичинен ойлоп койду. Ал азыр ушул селсаяктар менен канча убакытка чейин насиптеш болоорун билген жок. Болгону адамгерчилигин карматып аларды сыйлап койууну чечти.

- Охо - о, бу жигит "крутой" го ыя достор, кана тургула, жакшы тамакты жалдыратпайлы, - деди бири тамашалаган болуп.

Тегеректеп олтуруп алып Медеттин аттын сурап анан ага бир жакшы каалоолорду айтып ичип олтурушту. Медет өтө мас болуп калып улам самогон алдырып олтуруп эч нерсе билбей, жаткан жеринде калды.

Ал ойгонгондо түн бир оокум болчу. Башы зыңгырап ооруп калыптыр. Эсине келгенде анын костюму жок же өзү чечип ыргытып ийгенин же бирөө чечип кеткенин биле албай турду. Эки жагын караса ар жак бери жагында аркы терки жатып алып бейкапар уйкуда жаткан шериктерин көрдү. Эч нерсе билбей тынч уйкуда мемиреп жаткандарды көрүп иренжип алды: "кой мен да биротоло селсаяк болбой үйгө кетейин" деп ойлоп сыз жерге жата албай ордунан туруп костюмун издей баштады. Түн айсыз караңгы болгондуктан эч нерсе көрүнбөдү. Эптеп талдын түбүнө сүйөнүп отура кетти. Ал кайра уктап кеткен экен. Ойгонсо эл ары бери каттап таңкы кыймыл башталып калыптыр. Жайкы аптаптын түнкү абасына чыйрыга түшкөн Медет ордунан туруп баратканда анын жанында жаткан Асыл:

- Ай кайда сен, жаныңда жаткан аялды сезип койбойсуң, деги аял аттууга жолоп көрдүң беле? - деди.

- Энеңди, эмне сага мен керек эмесминби, турбайымбы? - деди аны түртүп Добул.

- Ыхы, сен да эркексиңби, мас болгон соң өлүк болосуң да каласың, мен да тирүү жанмын!

- Жалап! - деген Добул аны чаап жиберди.

Экөө тытмалашып калды. Медет артын карабай басып кетип баратып: "Чын эле мен аялга жолой элекмин да, эмне кылыш керек, кайра барсамбы, өзү айтып жаткандан кийин жөн калсам болбойт го, жок дегенде эркек экенимди билдирип коюшум керек!" деп кайра артына бурулду. Ал келгенде экөө дале урушуп оозго алгыс сөздөр менен бир бирин кордоп жатышыптыр. Добул Медетти көрүп эле:

- Эй энеңди урайын десе, эркексиңби, азыр ээрчитип кет бул жалапты, эгер эркек эмес болсоң жогол бул жерден! - деп кыйкырып сөгүнүп кирди. Медет намыстана түштү. Ал эгерим эч кимге жаман да айтчу эмес.

- Эмне деп жатасың, ээрчитсе ээрчитип эле кетем! - деди да жин тийген эмедей ылдам басып Асылды булка колдон алып жөнөдү. - Эркек экенимди сага бир көрсөтөйүн.

Асыл эч үн сөзү жок анын жетегине түшүп бергенге Добулдун ого бетер жини келип алардын артынан жетип барып Асылды башынан ары коюп калганда ал адатынча жаман сөздөр менен сөгүп жулмалашып калды эле, Медет Добулду көкүрөккө түртүп тээп ийди. Асылды койо берип, Добул Медет менен мушташып кирди. Ары-бери өтүп жаткандар таңыркай карап өтүп жатышты. Мындайда орган кызматкерлери алардын жанына келип да коюшпайт, ал турсун аларды адам деп да ойлобойт шекилдүү. Башкалар болсо кармап, жок шылтоо менен бирдеме өндүрүүгө жандалбас кылмак. А буларды кармаган менен не пайда?

Медет менен Добул кызыл чеке болуп дагы канчага мушташа бермек эле, аларды өзүнүн шериктери ажыратып кайра экөөнү достоштуруп заматта анын урматына арак, шарап алып келип тойлоп киришти. Атаганат! Ушу кез алар кандай гана бактылуу да, кандай гана бактысыз! Анткени ушул мүнөттө бир чымчым өмүрдүн бар экени, ал өмүр кыска экени жана кымбат экени эстерине да келбей бака-шака түшүп ырдап киришпедиби. Бираздан кийин бут сунуп жатар жай издеп караңгы жерлерге сүңгүсө, эртең үзүм нандын күкүмүнө зар болоору бышык эмеспи. Медет менен Добулдун бети башы көгөрүп чыккан. Ошентип Медет селсаяктык жашоонун алгачкы күндөрүн башынан өткөрүп, акырындык менен көнө баштады.

"Ана-мына дегиче, ачып көздү жумгуча" дегендей, бат эле күз кирип келди. Кечкисин аба муздап күн суугуна тарта баштады. Артынан Медеттин келбегенине ого бетер ызаланган Феруза эмне кылаарын билбей санаа тартып кетти. Айтканга үч күн оңой болгон менен Феруза үчүн үч ай же үч жылдай сезилип жатты. "Ушуга да шүгүр, күйөөгө тийбей деле жүрбөдүм беле, азыр менин эрмегим бар, жалгыз эмесмин!" деп ойлонуп бир чечимге келгендей болду. Ал бул үйдү сатып биротоло айылга ата-энесине кетмей болду. "Эптеп Медеттен алыс болоюн, анын апасы жактырбаса жабышмак белем" деп өзүнчө кыжаалат болот. Бара-бара тамакты такыр көргүсү келбей окшуп кыйналчу болду. Ал эми кудайына ыраазы: "Эптеп эле жаныма караан, эрмек болоор бала же кыз төрөп алсам башканын кереги жок! " деп ал үйүн сатууга бел байлады. Бирок клиент бат эле чыга койбоду. Жарыя берип күндө Ош базарына барып адресин таштайт. Арадан бат эле убакыт өтүп баратты. Ата-энеси шаарга келип: "Ферузанын үйүнө көз сала кетели" деп ойлоп кайрылып анын үйүндө экенин көрө кубанып бир чети күмөнсүй түштү. Феруза аларды жадырап-жайнап тосуп алып, коноктоп олтуруп өзүнүн оюндагысын чыгарбай жөн гана минтти:

- Мен силерге барып жолугуп, учурашып келбесемби деп аттым эле.

- Апей ботом, жол-жосуну менен барбасаң болбойт да, колу-коңшу эмеле кеп кылышпайбы! - энеси аны жактыра бербей сүйлөдү.

- Мм… Апа, салтты билем го, бирок мен силерди сагынып эле, барсамбы деп аткам.

- Ээ кагылайын, баягында Жамал менен келген бойдон кете элексиңби, бу сен соо эмессиң анда, кой эл эмне десе ошо десин, барсаң бар! - деген энеси ойлуу олтуруп калды. Атасы үн дебеди, баш ийкеп тим болду. Ал көп сүйлөбөгөн кыраакы кишинин көз карашынан эле билди, Феруза баарын түшүнгөнүн.

Эртеси чогуу айылга жөнөп кетти. Айылга барганда Ферузанын тамак тандап ичкенинен эле анын кошкат экенин байкашты. Эч нерсе дебеди энеси. Анткени алар да буга макул эле: "эптеп балалуу болуп алса алаксып калар, же күйөөсү келип алып кетээр" деп ойлоп тим болушту. Элдин оозун ким тыят:

- Аа байкуштар, кызы күйөөгө деле тийбей эле боюна болуп калса ошентип койгон тура, айтам да төркүлөбөй эле келип калганынан.

- Ырас эле, күйөөгө тийсе кадыр-баркы менен алып келип, алып кетпейт беле!? - дешип айыл ичи бир дуу этип алды. Бир аз күн өткөндөн кийин ар ким өз тиричилиги менен болуп бул да унутулду. Аз өтпөй Феруза шаардагы үйүн сатып айылдан болочок наристеси үчүн там сатып алып, өзүнчө жашай баштады.

Бул турмуш бирөөлөр үчүн жөн гана бай турмуш, жай турмуш болуп өтүп жатса, бирөөлөр үчүн азаптуу, кең дүйнөнүн кеңдигине сыйбай өтүп жатты.

ooo

Медет көзүн ачса түн бир оокум болуп калган экен. Күзгү суукта калчылдап калыптыр. Тиши тишине тийбей титиреп жатты. Ордунан туруп башы ооган жакка жөнөдү. Башы ооруганы аз келгенсип бүткөн бою салмактанып калыптыр, муздак бетондун залалы акыры өмүрүнө зыян келтирери бышык. Аны сезген менен аргасы канча, барар жери болбосо… "Кечээги мушташтын азабы" деп ойлоду ал, "кой минтип жүрө бергенче" деп ойлуу телмирип алды: "эмнеге мурун ушуну ойлободум экен, карыздап кетип калсам баргандан кийин берет элем го! "деп жер карап кетип жатса алдынан Керим чыга калды:

- Ой сен кайда жүрөсүң ыя, кечээ күнү аябай күттүм, сени келет деп тамак бышырып алып… - деп аябай ишенимдүү айтты.

- Мм, Керим аке, мени кечирип коюңуз, келалбай калдым, кичине ичип алып жатып калыптырмын…

- Билем-билем, аларга кошулгандан кийин сөзсүз алардын эркинде болушуң керек. Негизгиси эркек экениңди далилдешиң керек!

- Сиз… Сиз кайдан билесиз?...

- Мен билбеген балаа жок, мен баарын билем, кыскасы эгер эркек экениңди далилдей алсаң алардын "көзүрү" сен болосуң да, сенин сөзүң алар үчүн закон.

- Түшүнбөдүм…

- Түшүнбөсөң түшүнүп ал, эгер сен алардын талабын аткара алсаң алар сенин кулуң болууга даяр, аткара албасаң анда сен аларга кулсуң!

- Коюңузчу?

- Койбой эле…

- Кызык, ачыгын айтсам мен аларды жеңгендей болдум, бирок мен алардан кетким келди, өз кайгымды, өз арманымды өзүм жеңгим келди.

- Жолуң болгур десе, эч качан кайгыны андай жол менен жеңе албайсың!

- А мен жеңип чыгам!

- Жок жеңе албайсың!

- Болуптур, акыйлашып же мелдешип турчу убактым болсо жакшы болмок, тилекке каршы убактым жок!

- Анда жолуң менен бол, мен сага жолтоо болгум келбейт.

- Ошондой кылганың оң, араздашуудан эч пайда жок, абышка!

- Давай, кош бол.

- Жакшы бар! - Экөө эки жол менен жүрүп кетти, бирок ал жолдор баары бир биригээрин алар сезген жок.

Медет кеч күүгүмдө күп этип бир караңгылыкка кулап түштү, эптеп сыйпалап жатып жай тапкандай болду. Анын бул жерге келээрин Керим күткөн да эмес, Медет бул жерге келээрин ойлогон да эмес. Эртең менен көзүн ачса Медеттин көзү ачылбайт, дем алууга аба жетпегенсийт. Тумчугуп калчудай абалда ал ордунан туруп сыртка чыкчу жол издеди эле жылтыраган эшик төбөдөн көрүндү: "Мен кайдамын, кокус казылган ордо эмесминби, же мүрзөгө түшүп кеткенмин го?" деп ойлогончо коңурук тарткан добуш угулду. Акырын айланасын көз чаптырып караса аерде мурда болгондой көзүнө жылуу учурады. Анан акыл токтотуп көрсө баягы Керим экөө келип түнөгөн жер экен. Азыр ал жерде Медеттен башка дагы үчөө-төртөө бар шекилдүү. Чоочугандай Медет эки жагын карап алып жылтыраган тешиктен сыртка чыгып кетүүгө умтулду эле:

- Ой сен кайда? - деген Керимдин тааныш үнү угулду. Үндөбөй басып кетүүгө умтулса да жооп берүүгө аргасыз болду.

- Сиз ушул жердесизби?

- Ооба, эмне болду, сени мен алып келбедимби бул жерге.

- Кайдан, сиз эбак эле кетпедиңиз беле?!

- Мен кеткеним менен, сени көзөмөлдөп жүрдүм да, сен же биротоло бул чөйрөдөн кетип калбай, же калып калбай селсаяктык жашоого көнө албай жатпайсыңбы!

- Баары бир мен селсаяк эмесмин да, чал!

- Сен ошентип ойлогонуң менен алда качан селсаяк болуп биздин арабызга кошулгансың.

- Калп айтпа чал, мен эч качан селсаяк болбойм!

- Койдум-койдум, калаганыңдай бол, маа десең ажы же ажо бол, маа баары бир.

- Мен кеттим, экинчи ушул жерди желкемдин чуңкуру көрсүн!

- Бар бара бер, акыры келер жериң ушул жер, түбү мага окшогон селсаяк болбосоң болду, мен го мейли көрөөр күнүм, ичээр суум аз гана калган учуру, сага кыйын, али жашсың!

- Мен үчүн кам жебей эле кой, чал, жаш экенимди өзүм да билем, болгону мени өзүңө теңей көрбө, менин жинимди келтирип.

- Макул, кудуретиң жетип ушул жолдон өзүңдү чыгара алсаң анда жигитсиң, далайлар ошенткен, ал турсун мен да ошенткем, "кантип талаада сыз жерде жатам?" деп ойлогом. Азыр талаада сыз жерде жаткан мен үчүн ак сарайдан артык, анткени аргам жок тагдырым ошол болсо колумдан эмне келмек,???

Медет Керимдин сөзүн укпагандай сыртка чыгып кетти.

ooo

Сапар менен Ажар, Камбар менен Сейде, Султан менен Кымбат бул селсаяктык жашоодо бири бирине эриш-аркак болуп тагдырларын бириктирип алган. Чынында сүйүү жалаң бай турмуш менен жай турмушта эмес, бечара селсаяк жашоодо да болот тура!

Селсаяк демекчи, селсаяктар кимдер, же алар төрөлгөндөн селсаякпы? Жо-ок, алар да бир кезде адамча жашап, чөнтөккө колун салып, өзүндөй бей-бечараларды көргөндө жийиркене басып кетчү манчыркаган пенделер болгон.

Камбар бир кезде чоң мекеменин начальниги болсо, Сапар совхоздо бухгалтер, ал эми Султан курулушта прораб болуп иштептир. Тагдырдын тайкылыгы, бороон буюктуруп, качанаак аттай алагачкан мезгил ушул абалга алып келип койгон. Аргасыз тагдырга баш ийбеген пенде барбы? Кайдан?!

Көнүмүш адатынча Камбар Сейдени кучактап тамашалап калды:

- Достор, менин Сейдесиз күнүм жок, мен мунсуз бул жашоомду элестете албайм!

- Менчи, мен деле Ажарсыз күнүм түнгө тете, аял эркек эриш-аркак деп бекер айтылбаган тура.

Аларды карап олтурган Султан Кымбатты кучактай:

- Эмне эле мактанып жатасыңар, ыя? А биздин сүйүүбүз бу жалганда айтыла элек, ырдала элек, жазыла элек сүйүүдөн! - деп күлүп койду.

- Туура айтат Султан, биздин сүйүү бул жашоодо кайталанбай турган сүйүү, бири бирибизсиз бир мүнөт туралбайбыз, ал эми менсиз мунун тамагынан эч нерсе өтпөйт, мен дагы, - Камбар Султанды эки бетинен өөп жылмайды да, - ыраспы, же мен жалган айтып алдымбы? - деди.

- Эң туура, эң сонун айттың, жаным.

- Чынында селсаяктардын жашоосу эң акыйкат жашоо деп ойлойм, анткени биздин арабызда бири бирибизди кызгануу, жек көрүү жок. Ал эми байлык бар жерде уруш-талаш, кызганыч, жек көрүү болот! - Сапар ойлуу сүйлөдү.

- Тупа-туура айттың, Сапар, биздин жашоодо адилдик бар, биз болгону кара курсактын айынан уурулук кылганыбыз менен аргасыз жашап жатабыз. Аргасыз ошого барып жатабыз. Болбосо тапканыбызды ортого салып бир бирибизге жакшылап жардам беребиз, же жалганбы, достор? - деп калды Камбар. - Бүгүн Жалдагы "контейнерлерди" кыдырып келсекпи, кудайдан болуп "обуфь" түшүп калса кышкы кийимибизди камдап алсак жакшы болот эле.

- Чын эле, бүгүн экөөбүз биякта калып движения кылып туралы, силер мүшөктөрдү алып ошол жакты карап келгиле, олжолуу келсеңер ажеп эмес, - Ажар сөзгө аралашты.

- Сен движенияны жакшы кыласың, ошон үчүн сен кал Сапар экөөң, биз болсо "сопственный контейнерлерди" карап, "товар" түшкөн болсо алып келип калалы.

- Оп-баракелде-е десе, ошентип ынтымак менен иш кылбасак болбойт, мына кудай буйруса мен намаз үйрөнүп жатам, калган өмүрдү кудай алдына барганча намаз окуп, куран үйрөнүп, колдон келсе таза жашайлычы! - Камбар буга эмне дешээр экен дегендей шериктерин алдыртан карады.

- Айла жоктон, кара жанды багыш үчүн ууру жасаган күнөөлөрүбүз кечирилсе гана.

- Кечирим сурасаң сөзсүз кечирет алла, а биз кечирим сураганды, кудайды унутуп калабыз да.

- Мына, эми өзүң айткандай эки бакыр, бир тукур болуп аракты таштап, ак жол менен жашоого өтүп баратабыз, кудайдан эртели-кеч кечирим сурайлы, ээ Каке?

- Ээ достор, биз эмне, биз бир бечарабыз да, биздин күнөө кечиримдүү, көпкөнүнөн киши өлтүрүп, дүнүйө, атак, амал талашып, кудайды тааныбагандар бар, ошолордун күнөөсү бизден оор болуш керек, - деп баятан бери үнсүз олтурган Султан сөзгө аралашты:

- Ээ Каке, Суке, силердин айтканыңарда калет жок, бирок мен өзүм бечара селсаяк болуп күнүмдүк жашоо менен алпурушуп жүрсөм да, мобу кыргыз элимдин келечеги жүрөгүмдү оорутчу болду. Канткенде кыргыз өз намысыбызды сактап кала алабыз?! Мына ушул өлкөбүздү "общий домго" айлантып койгону жакпайт, мисалы ар бир үйбүлө өзүнчө мекен, ошол чакан үйбүлөнүн деле чек арасы бөлүнүү болот эмеспи. А биздин Кыргызстан "общий домго" айланганы эң жаман иш, менин оюмча!

- Саясатты семичкедей чакчу түрүң бар, оюңа койсо. Экөөбүзгө өлгөнчө күнүмдүк оокатыбызды адал табуу гана парызы калды. - Камбар улутуна сүйлөдү.

- Аның туура дечи, бирок көрүп туруп кайдыгер болалбайт экенсиң да.

- Айлабыз канча, кыргыздын баалуу жерлери сатылып бүттү, биздин колубуздан эмне келет? - Сапар ойлуу олтуруп калганда, Ажар:

- Койгула байкелер, аны ойлогонго чамабыз да, акыбыз да жок, андан көрө тургула, эрте жарыкта өз ырыбызды ырдайлы, - деп ордунан турганда калгандары да туруп, өз-өз жолдору менен жөнөштү.

Ошол күнү аларга Медет жолукту, ал да мусор терип жүргөн экен. Ажар аны көрө жанындагы келинди көрүп, Сапарга ымдай сүйлөдү:

- Көрсөң, тигил экөө да табышып алган тура, тигинисин тааныбайт экем, бизден аябай жаш экен, буга бул чөйрөнү ким коюптур, өң десе өңү деле бар экен байкуштун, - дегенде Сапар жөн гана аларды караган менен, сүйлөгөн жок. Алар бири бирине баш ийкеген бойдон өтүп кетишти. Медеттин жанындагы келин Роза жаңы эле түрмөдөн чыгып келген. Бараар жери жок болгондуктан, ал дагы селсаяктардын катарын толуктап жүргөн убагында Медетке жолугуп, экөө эрди-катындай ээрчишип күн көрүп жүрүшкөн. Медет күндө эртең менен: "Кой, минтип жүрө бергеним болбойт, апама кетишим керек, апам менин ушул түрүмдү көрсө эмне болор экен, жо-ок, ага бул түрүм менен көрүнгөндөн көрө өлгөнүм жакшы", - деп ойлонуп, кайра эле ичине жүз грамм киргенден кийин эсинен чыгып кетет да, өзүн өзү билбей талаада жатып калат. Суук да түшүп келе жатат, үстүндө жылуу кийим жок, калчылдап күн өткөрүүдө. Ошол күнү Медет аябай мас болуп, Роза экөө урушуп, караңгыда Керим жаткан люкка келишти. Негедир Керим жалгыз эмес экен, үч караан жылтыратып от жагып олтурушуптур. Медет менен Розаны Керим жакшы тосуп алды, алардын алып келген тамак-ашынын үстүнө өзүнүн тапкан-ташыганын кошуп:

- Келгиле, меймандар, бүгүн бизде конок да көп, чөнтөктө акча, казанда тамак көп, бул биз үчүн майрам! - деп бакылдап отурду. Ошол жерде да Медет менен Роза уруша кетип, Роза анын бетин тытып алды. Берки үчөө аларды арачалап, анан Медеттин канап жаткан жерине эптеп чүпүрөк күйгүзүп басып коюшту. Роза аябай мас болчу. Бир аздан кийин ал Медеттен кечирим сурап жатты.

Чындыгында Роза өңдүү-түстүү болгону менен, кыргыз элинин макалына шайкеш "оргу-баргы, отун жаргы" кыялы бар келин болчу. Ал ата-энесинен эрте калып, алыс туугандарынын үйүндө чоңоюп, ээнбаш болуп он алтыга чыкканда эле "ширеңке" сата койом деп камалып кеткен. Азыр жыйырма эки жашта, тамеки чегип, аракты ичет, түрмөнүн сөздөрүн сүйлөп, сөгүнүп, гүлгүндөй жапжаш өмүрүндө бул дүйнөнүн бардык жакшылыгынан кечип койгон. Ага баары бир болчу. Тирүүлүктүн татым ырахаты, бактысы ал үчүн бир штук сигаретчелик эле. Медет экөө бул мусаапырчылык жашоодо бири бирин толуктоо үчүн гана бириккен. Аларда келечек жөнүндө ойлоп же кам көрүү деген жок. Тапканын да эсептешип, "мен көп таптым, сен аз таптың" деп уруша берчү. Ошентип күн өтүп, айлар алмашылып, убакыт өтө берди.

Керимдер менен люкта жашап жаткан эки орустун бири такыр тамак-аш табууга жөндөмү жок болчу. Ал эптеп шеригинин таап келгени менен Керимдин насибине ортоктош болуп жашай берди. Аны алар абдан жаман көрчү. Канча жолу кет дешсе да жалдырап кетпей койду. Анан калса ошол жылы Бишкекте абдан суук болуп турду. Январь айында булардын тамак-аш табуусу кыйын болуп, жадагалса ыргытылган баклашка табыш кыйынга турду. Медет менен Роза кечке эптеп темир терип тапшырып нан таап келишет. Кээде нан же тамак ичпей эле арак сатып алчу болушту. Болбой калганда эптеп нан алышат да, люкка жетип ачка болсо да жылуу жерде эс алууну көздөшөт. Бир күнү экөө кеч келди. Ошол күнү алар бир аз тыйын табышып, бир бөтөлкө самогон менен колбаса, сало алып келишкен. Келсе Керим менен орус дале от жагып бирдеме кайнатып олтурушкан экен. Самогонду ортого коюп, тойлой баштаганда Керим кайнап жаткан немени чыгарып ортого койду. Негедир Керим же Вася көздөрүн Медеттен ала качып отурду. Ортого коюлган идиште куурдак бар экен, аны самогон менен жеп жатып, Медет берки орус чалды эстей койду да, оюнда эч нерсе жок эле сурай кетти:

- Аба, тигил чал кеттиби, көрүнбөйт го, же уктап калдыбы?

- Ал кетти, артыкбаштын эмне кереги бар, өз жаныбызды багалбай жатканда, - деди Вася орусчалап. Анан Керим экөө бири бирин карап калышты. Медет жөнсалды сураганы менен, анын кеткен-кетпегенине кайдыгер болчу. Ага баары бир эмеспи:

- Куурдак абдан таттуу экен, аба, сизге рахмат. Роза экөөбүз дагы жакшы тапсак бир жакшы эт алып келебиз, ээ? - деп Розаны карады. Үрүл-бүрүл жарыкта жүздөрүн көрө алышкан жок. Люктун тешигинен түшкөн айдын шооласынын эле жарыгында алдына коюлган тамакты жеп атышты. Ал эми самогонду болсо бир идиш менен терегетип ичишет. Куурдак менен эки бөтөлкө самогон ичишкенден кийин ар кайсы жерге өз өзүнчө жатып калышты. Эртеси Медет менен Роза эрте туруп кетип калышты. Темир терип тапшыруу өтө оор болуп жаткан. Болгону темирди элүү тыйындан алат. Кечке экөөлөп кырк-элүү кг темир теришсе, ал жыйырма беш сом болот. Алар кыйналып жүрүштү. Бирок күндө кечинде келсе баягыдай куурдак даяр. Куурдак демекчи, майда туурап эле суусу солуганча кайнатып, пияз кошуп жей беришет. Медет абдан таң калды: "Күндө этти кайдан алып жатышат, базарда эттин баасы асманда, анан…" деп ойлоп калчу болду. Бир күнү алар эми жумушка чыгып иштей баштаганда эле күн дыбырап жаап кирди. Медет менен Роза дароо эле жатаканаларына баса беришти. Келсе эки чал жок экен. Люктун тээ төр жагына барып даарат ушата беришчү. Роза ошол жакка барып отура калайын десе былжыраган бир нерсеге сыйгаланып жыгылып кетти.

- Аа-ай Медет! - деп алды Роза, - бери келчи, ширеңке ала келчи!

- Азыр, эмне болуп кетти? - деген Медет ага жакындай берип ширеңке жандыра бергенде Роза дагы бакырып жиберди:

- Медет, бул адамдын ичеги-карыны го?!

- Койчу!

- Чын, бол эрте, жакшылап карасаң, - деп экөөлөп жарык кылды эле, кишинин башы, буту, ичеги-карыны чубалжып жаткан экен. Алар дароо эле билишти, жети күндөн берки ушунун эти экенин, болгондо да баягы орус чалдыкы тура!

- Ушуга кантип барышты экен? - Медет таңгала суроо узатты.

- Билбейм, коркуп жатам, Медет, биз эми ордубузга барып билмексен болуп калалы, болбосо булар экөөбүздү да согум кылып коюшпасын? - Роза үрпөңдөй шашкалактап, ордун көздөй жөнөдү. Медет да анын артынан келип, күндө жатчу ордуна кыңкая ойлуу жатып калды. Экөө тең ошол кезде орто кызуу болгон менен өлүмдөн коркуп атышты. Канчалык бул турмуштун кызыкчылыгынан кечип койгону менен, жашоо кымбат экенин экөө тең туюп турушту. Ошол убакта Керим келип калды. Ал экөөнү көрүп бир нерседен шектенгендей колундагы баштыгын ары коюп, анан аларга кайрылды:

- Ээ, эмне эрте келип калдыңар?

- Эшик суук, муздак темир кармоо тозок экен, анан эрте баса бердик. - Роза акырын жооп берди.

- Ооба, эшик абдан суук, кар жаачу түрү бар.

- Кар жааса кантээр экенбиз? - Роза акырын үн катты. Ал: "Бизден шек санап калса бизди да өлтүрүп салабы" - деп ичинен коркуп жаткан.

- Ээ, кудайдын буйругунан көрөбүз да! - дегенде жүрөгү болк этип алды.

- Медет эмне, уктап атабы?

- Ошондой го, келээри менен эле жаткан.

- Аа-а, - деп койду Керим. Анын ою да "булар бир нерсе шекшип калыштыбы?" деп турган эле. Эч нерсе болбогондой отургандыктан унчукпай калды. Бир аздан кийин төртөө тегерек болуп олтуруп алып, тамактанып отурушту. Бири биринен шек билинбей, өз ойлору менен алек. Бүгүн куурдак болгон жок, анткени аны Медет менен Роза жокто жасашмак да. Ал жөнүндө ар кимиси билмексен болуп күн өтө берди. Ошондон эки-үч күн өткөндөн кийин эле Медет менен Роза ал жерден которулуп кетти. Бирок же төшөнчү жок, абдан кыйналышты. Жаткан жери сыз болуп, эптеп жазга чыкты. Керимди көрсө эле жүрөгү болк дей түшөт. Ал турсун баягы жеген эттерин эстегенде жүрөгү айланып жүрдү: "Оо кудай, кечир, - деп алчу болду ошондон кийин. - Адамдын этин жедим, тиги дүйнөдө тозокко түшпөсөм эле болду", - деп ар кандай ойлорго батып, кыжаалат болот.

Ушул жерге келгенде Медет апасын карады. Ал олтурган ордунда көзүнүн жашын сыгып олтурган экен.

- Тагдыр деген ошондой тура, апа, мен ошентип сиз ыраа көрбөгөн тири укмуштарды көрдүм, ар кимден токмок жедим, түрткүдө калдым, сыз жерде жаттым… Феруза мени ошондой азаптан куткарган, болбосо менин дайынымды тапмак эмессиз. Ал отузга чыкканча күйөөгө чыкпаптыр… - Медет жер карап олтуруп калды. Каныш эне ордунан туруп келип, уулунун чачынан сылап, жүзүнөн сүйдү да:

- Каралдым, аман-эсен менин маңдайыма келгениңе тоббо! - деп үшкүрүнүп алды да: - кой балам, Ферузанын кошкат экенин байкадым эле, мына бир жума болуп калды, алып кел балам, мен билбестик кылган экенмин, жаман айтып койгондой болдум, - деди.

- Эмне дедиңиз эле?

- Аны укпай эле койчу, садага, андан көрө тезирээк жөнө да, ээрчитип келип, өз оокатыңарды кылгыла.

- Макул апа, эртең жолго чыгайын.

Эне-бала тамактанып отуруп, алдыдагы иштери жөнүндө кеңешип жатышты.

Эртеси Медет такси менен дароо эле Бишкекке келди да, тааныш көчөгө түшүп алып, Ферузанын үйүн көздөй жөнөдү. Келсе ал үй бек турат, дегеле адам баспагандай жымжырт. Медет үйдү айлана ары-бери басты. Үйдүн дарбазасы кулпулануу экенин көрүп, кайын-журтунун дарегин сурап албаганы ошондо гана эсине келди: кыйын болсоң дарегин билбей адам издеп көр! Медет эртеси түш оой кайра үйүнө келди. Аны көргөн эне алдынан утурлай басты:

- Эмне, келбей койдубу?

- Үйдө жок экен…

- Ка-ап, катуу таарынып калган экен, ээ?

- Билбейм, ата-энесинин да кайда экенин сурап албаганымды кара, ал таарынып калса кайрылып келбейт.

- Баса, балам, мен сурагам кудалардын дайынын, Өзгөндөн болот. Ал турсун куданын аты Сагынбек, экөөбүз тең барып алып келели, балам. - Эне өз катасын сезе, күнөөлүүдөй үн катты.

- Анда макул, - деген Медеттин көңүлү ачыла түштү. Ошентип алар эки күндөн кийин Ферузанын ата-энесиникине барууну чечишти.

ooo

Аида кечке кыдырып жүрүп бир квартирага кирмей болду. Бөлмөдө өзүнөн башка үч кыз бар экен. Негедир ал кыздардын сүйлөгөндөрү, баскан-турганы дал эле мурунку чөйрөгө окшош экен. Аида: "Жок дегенде бүгүнчө түнөп чыгып алайын, эртең дагы башкасын издейм" деп үндөбөй ордуна жатып калды. Ал эми тигил кыздар болсо өздөрүнчө каткырып күлүп, түн бир оокумга чейин өз-өз жигиттери менен клиенттери жөнүндө сүйлөшүп олтурушту. Алар Аиданы айылдан келген бир аңкоодой сезишип, орусчалап сүйлөшүп, кээде сөгүнүп жатканда Аида:

- Эгерде дагы бир жолу мен жөнүндө сүйлөйт экенсиңер, таарынбагыла, андан көрө сый болгонубуз жакшы! - деп кроватка ары карап жатып алды. Тигил кыздар үндөбөй бир бирин карап калышты. Анткени Аида орусчалап айтканына жана таптак сүйлөгөнүнө таң калышып, эмеле орусча билбеген дөдөй айылдык түшүнөт дейсиңби деген ойлору төгүнгө чыгып, чакылдап сүйлөгөн Аидага жооп бералышпай калды. Башканы кой, өздөрү анча-мынча сүйлөп, жооп бергенге араң жарашчу.

Ошол түнү бирөөсү калып, экөө "жумушуна" кетти. Аида баарын сезип турду, анан да аңгектен качсаң дөңгөккө дегендей, кайрадан сойкулардын арасына туш келгенине жини келип жатып уктап кеткенин сезбей калды. Бир кезде каткырыктан улам көзүн ачса берки экөө келип бири жок. Тигил экөө өздөрү тейлеп келген эркектер жөнүндө айтып жыргап атышыптыр. Терезени караса эшик караңгы, саат төрт жарым болуп калган.

Аида эртең менен эрте турду да, жуунуп алып жайма жай жасанып кирди. Тигилер аны карап туруп суктанып жатышты: "Бойонбосо деле сулуу экен, кайда иштейт болду экен, өтө эле текебер болсо керек кишини жанына теңебеген" дешип ойлонуп койушат. Бираздан кийин Аида койкойо кийинип алып сумкасын алды да, чыгып кетти. Ал күнү кечке квартира издеп жүрүп табалбаган соң чарчап, тамактанууга ашканага кирди. Четки столго жалгыз отуруп алып тамактанып жаткан, бир кезде анын жанына бирөө басып келип:

- Кандай Аида? - дегенде башын көтөрө калса, Турат күлүмсүрөп туруптур.

- Жакшы, - деген Аида аны таңдана карап бираз турду да: - Сиз, сиз кайдан? - деп суроо берди.

- Мен сага айтпадым беле дайым сен кирген ашканада болом деп, - Турат күлүп калды эле, Аида дагы кошо күлүп жиберди.

Экөө көпкө чейин сүйлөшүп олтурушту. Анан Турат Аиданы карап бираз ойлуу турду да, ойдогусун айтууга уруксат сурады:

- Аида, мен сени менен жакындан жай сүйлөшкүм келет, эгер убактыңды бөлө алсаң, - деди эле, Аида жылмайып:

- Айта бериңиз! - деди.

- Бул жерден болбойт ко, эгер азыр кааласаң природага чыгып келели, анан ошол жактан сүйлөшөлү.

- Мен бүгүн такыр бошобойм го, эгер бошосом сөзсүз өзүм чалам.

- Жок, Аида, сен мени антип алдаба, билип турам, менин эмне деп айтаарымды эң сонун билесиң!

- Кызык, мен сиздин ичиңизге кирип чыктым беле?

- Баары бир билесиң, сезип турасың, аялзаты ошондой болот да.

- Мен… мен.. - деп келаткан Аиданы Турат ой-боюна койбой эле колтуктай машинасын көздөй басты:

- Бул жолу менин машинам менен барабыз, кайда десең алып барууга даярмын.

- Жаңы алдыңызбы?

- Жо-ок, жалгыз жүргөндө көпчүлүгү машина менен жүрбөйм, кыялдарга батууда машина тоскоолдук кылат. - Анан Аиданы карады: - Кана, сулуу кыз, кайда жөнөдүк, буйрук күтөм!

- Өзүңүз эле билиңиз… - Аида ойлуу жооп берди.

- Анда кеттик! - деди Турат шар эле машинасынын эшигин ачып. - Отуруңуз.

- Рахмат! - Аида арткы орундукка олтургандан кийин Турат айдап жөнөдү. Бир кезде алар шар аккан суунун жээгиндеги укмуш кооз салынган дачанын жанына токтошту. Турат түшүп Аида отурган эшикти ачып аны абайлай колдон тартып түшүрдү да:

- Биз келип калдык, бул жер менин мейманканам, аялым каза болгондон бери бу жерге кишини кабыл албай калганбыз, биерде болгону кароолчу жашайт.

- Жакшы, жакшы, - Аида сыпайгерчилик кыла машинадан түшүп Туратка катарлаша басты. "Кандай гана бактылуу аял туш келээр экен, ээ, бул адамга, баса эмнени сүйлөшөт болду экен мени менен?" деп ойлуу баратканда Турат:

- Аида, эмнени ойлонуп жатасың, мен сени менен ачык сүйлөшүп, анан дагы бир маанилүү ишти кеңешейин дегем, а сен менин сөзүмө кулак түргүдөй эмессиң го?! - деди.

- Аа-аа, жөн эле, ойлонгон деле жокмун, сизди угуп атам.

- Кана эмесе, кириңиз! - деп дарбазаны ачканда алдынан кожоюнун көрүп утурлай баскан кароолчу чыкты да:

- Келиңиз кожоюн, - деп шыпылдай басып үйдүн эшигин ачы баштады. Босогосунан баштап импорт килемдер, чет өлкөнүн диван-креслолорун көргөн Аида чындап эле абдан таң калып да, сонуркап да, кызыгып да карап жатты. Чынында айылдык кыз болгону менен, бардар эле үйбүлөдө чоңойгон, бирок алардын турмушу айылдаштарынын бир тобунан жакшы болгону менен, бул турмуш же бул дачанын жасалгасына жетпейт болчу. Заңгыраган үйдүн ар бир бөлмөсүн кызыгуу менен карап жүрдү. Турат сырткы бөлмөдө аны күтүп отурганда чай көтөрүп кароолчу кирди. Аида да аңгыча келип Тураттын маңдайына отуруп калганда Турат:

- Кел Аида, чай ичелиби же суусун ичелиби? - деди эле, кыз:

- Мүмкүн болсо суусундук эле жакшы го, ысыкта ого бетер…

- Куп болот, сулуу, - деп Турат ары жакты караганда карт кароолчунун пиво көтөрүп келе жатканын көрүп унчукпай калды.

Экөө көпкө чейин үнсүз отуруп суусундук ичип, анан үй кызматчысынын кыпкызыл кылып кууруган куурдагынан жеп коюп, бир бирин тиктеген бойдон олтура беришти.

- Аида, - деди Турат бир кезде, - менин сени менен сүйлөшө турган сөзүм бар!

- Айта бериңиз, кулак сизде?!

- Мен сени сүйүп калдым деп айтуу одоно угулаар, бирок мен сени менен ачык айтканда үйлөнсөмбү деп ойлогом, а сен мага жактың.

- Мен сизге жактым дейин, бирок менин да жүрөгүм бар экенин билээрсиз?

- Албетте, ошон үчүн мен сенден сурап жатпайымбы.

- Жо-ок, байкеси, мен күйөөгө чыкпайм, башкасын издеңиз, менин эч кандай мүмкүнчүлүгүм жок!

- Аида, андай дебе кудай жалгагыр, мен сага бүт жандүйнөмдү, жүрөгүмдү арнап эмне десең ошого даяр болуп калдым. Мен башта бирөөлөр: "сүйүү деген оору адамды алдастатып, башын тумандатып койот" десе ишенчү эмесмин, мен азыр дал ошондой абалда турам!

- Сиз мени угуңуз! - Аида ушул мүнөт көздөрүн бакырайта Туратты тике карады да: - Сиз абдан жаңылыпсыз, сизге жолугуп жүрөгүңүздү оорутканым үчүн кечирип коюңуз! - деп Аида сыртка чоң-чоң аттап жөнөгөндө Турат анын алдын тосо калды:

- Аида алтыным, мен сени эч кимге ыраа көрбөй жатам, сенсиз мен… - деп абдан капа болуп ыйламсырап туруп калды. Аида ушул тапта орто жашаган адамдын ыйламсырап турганына боору ооруп кетти, бирок ого бетер мисирейди:

- Жолду тоспоңуз!

- Эч жакка кетпейсиң! - Аида ушул кезде сумкасынан тамеки алып чыгып күйгүзүп киргенде Турат делдейип туруп калды. Аида ары терезе тушка барып дембе-дем тамеки тартып, түтүнүн үйлөй үн катты:

- Сиз мени миң мертебе кечирип коюңуз, мен сойкумун, сизге сойкунун эмне кереги бар?!

- Эмне дедиң Аида, эмне деп жатасың?

- Чындыкты айтып жатам, мени эми койо бериңиз! - Аида босогодон чыгып бара жатканда, Турат:

- Токтой тур Аида, сен мени шылдыңдап жатасың го, ээ? - деп аны үмүттүү карады. - Көңүлүңө жакпаган болсом жөн эле айт!

- Эмне үчүн, таптакыр андай эмес, мен болгону чындыкты гана айттым, сиз мени кечириңиз, сизди шылдыңдагыдай…

- Мм…, - Турат турган ордунда көзүн жума дубалга сүйөнгөн бойдон жерге отуруп калды. Аида үндөбөй дагы эле тамеки тарта берди. Бөлмөнүн ичи тамекинин ышына толуп чыкты: "Чындыкты айтканым жакшы болду, качанкыга чейин мышык-чычкан ойномок элем?" деп ойлонуп жатты Аида. "Кызык, эмне үчүн ушундай татынакай кыздар сойку болуп кетишет, эмне себептен ошого барды, ушул турпаты, өң-келбети менен деле жерде калбайт эле го?" деп Турат өзүнчө ойго батып өзүнүн ооруган жүрөгүн дарылоого эч дабаа таппай турду. Өзү деле жаш кыздар менен канча сауналарга барып жүрөт, бирок анда ойлобоптур. Кээде саунадагы кыздардан жийиркенип алчу: "Мага чейин канча менен болду экен, дегеле эч нерсе билгизбейт, баарына бирдей мамиле кылгандарын кара, же буларда жүрөк жокпу?" деп өзүнчө кыжаалат болуп калганда жүз грамм ичип алып анан кыздын сулуулугуна арбалып кетээр эле. Эми карасаң Аиданы, кантип сойку дешке болсун. Үлбүрөп кийген кийими, мүчөсү, келбети жарашып, илгерки Үрдүн кызы дегидей эле көрүнүп турат" деп жатып, оюна бир жакшы нерсе келди: "Эмне, маңдайына сойку деп жазылып калыптырбы, сойку болсо эмне экен, өзү жакшы болсо, мага жакса болду да" деп, бирок кайра: "балким досторумдун бирөө жарымы билсе эмне болот, анда өлбөдүмбү!" деп өзүнчө катуу санаага түшүп дел болуп олтурганда Аида:

- Кана, босогодон туруңуз, мен кетейин! - деди басып келип.

- Жок, Аида, сен кетпейсиң, мен өзүм жеткирип койом!

- Тим эле коюңуз, өзүм эле… - дегенине болбой, Турат ордунан турду да:

- Аида, бираз аярлай тур, мен өзүм жеткирем, - деп өзү столго олтуруп ойлуу: - отур, Аида, отур. Мен сага ыраазымын, чын эле ачык айтпасаң болбойт эле, бул мүнөзүң мага жакты, - деди.

- Кантип айтпай койом, "ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" дейт эмеспи.

- Акылдуу кыздар дайыма ошондой болушат, эмнеге?

- Кайдагы акыл, акылдуу болгонумда мен үчүн ата-энем кыйналмак эмес эле да.

- Алар кайда?

- Таласта.

- Алар сени билишеби?

- Угушкандыр да, окууга өткөрүп коюшканда мен окууну таштап койгом.

- Эси жок десе, - Турат андан ары эмне дээрин билбей калды.

- Туура айттыңыз, эси жоктук, ата-энемдин айтканымды жок дебей аткарганы мени эсирткен го!

- Мүмкүн… - Турат көпкө ойлуу туруп калды. Аида да үнсүз тынбай сигарет чегип, көпкө терезени карап тура берди. Ушул учурда Турат өз ичинен баарын терең ойлонуп, өзү менен өзү кеңешип чечкендей болду. Ошол саат ал досторун, тууган-уругун, агаларын, баарын-баарын көз алдына келтирип чыкты: "Эгер чын эле үч жылдан бери сойку болуп жүргөн болсо иним таанып жүрбөсүн, балким жалаң сауналап кыз-келиндердин гүлүн соргон депутат досторумдун ичинен таанысачы, же…?" деп саргая санаа тартып ушул он-онбеш мүнөттүк тыныгууда Аида жөнүндө бир жыл ойлонгондой эсеңгирей түштү. Ансыз да Аиданын "сойкумун" деген сөзү башка келтек жегендей эле болбодубу ага. Себеби баягы жолугушкандан бери кыялдарга батып, өзүнчө бактылуу болуп, көңүлү тына түшкөн. "Аида менден "отказ" кылбас, ким эле бактылуу болууну каалабасын, иштеген ишим бар, аны үйгө гана отургузуп, үлпүлдөтүп багаарымды түшүнсө…" деп кыялданып жүргөн. Ошондуктан анын бир гана сөзү жүрөгүнө бычак менен ургандай эле болду. Ошентсе да акыл токтотуп, баарын акыл таразасына салып көрүп, анын бир кезде сойку болгонуна кайыл болуп ага үйлөнүүнү чечти. Себеби аны сүйүп калган эле…

- Мен кетейин, - Аида күнөөлүүдөй унчукту.

- Жок, сен кетпейсиң, мен сага али негизги маселемди айта элекмин.

- Тез айтыңыз да, жолдон калтырбаңыз!

- Аида, жаным, мен баарына макулмун, сойку болсоң да мен сага үйлөнөм!

- Кызык, эмне үчүн, сиз авторитеттүү адам болсоңуз, кантип? Сиз макул болсоңуз да мен макул боло албайм!

- Антпе, Аида, суранам?! - деген Турат босогого келип анын жолун тосуп калды.

- Ой кудай ай!!! - деп жиберди Аида, - сиз уялбасаңыз, мен уялып жатпайымбы?! Эл эмне дейт! Эсиңизге келиңиз!

- Эл эмне десе ошо десин, бирок Аида мен сага бир шарт койом!

- Ал кандай шарт?

- Мен сага сөзсүз үйлөнөм, а сен мындан ары эч качан ал ишке барбайсың!

- Азырынча мен сизге макулдугумду бере элекмин да.

- Баары бир мен сага үйлөнөм, керек болсо азыр алып калам!

- Ойлонууга уруксат бериңиз, сиз менин сойкулугумду кектеп, кийин жүрөгүмдү сыздатып көңүлүмдү оорутпай турган болсоңуз?! Бул менин сизге койгон шартым.

- Мен даярмын, башынан эле аялга катуу айткан жан эмесмин.

- Анда жакшы экен, бираз ойлонойун.

- Аида, мен сенден эки нерсе суранам: биринчиси - тамеки тартканыңды көрбөйүн, экинчиси - башка бирөө менен жанашпайсың!

- Ойлонойун.

- Жарайт. - Турат машинанын ачкычын алды да сыртты көздөй жөнөдү. Анын артынан Аида чыгып машинага жеткенде Турат эшик ачып ал машинага олтурду да, Турат рулга отуруп шаарды көздөй айдады. Ортодо сөз сүйлөнбөй, өз ойлору менен алек болууда.

- Эми сени мен кайдан табам? - Турат Аиданы машинанын күзгүсүнөн карады.

- Билбейм…

- Кызык, анда дагы кокусунан сүзүшүп калмайын жолуга албайт экенбиз да? - Ал машинаны жол жээгине токтотту.

- Ошондой го…

- Аида, анда мен сени эч жакка кетирбейм, алып калам.

- Эмнеге?

- Дачада болосуң, жообуңду айтсаң, анан көрөбүз. Мен сенин жообуңа жараша иш кылам.

Аида үндөбөдү. Турат машинасын кайра артка айдады да, заматта дачага келип Аиданы кароолчуга дайындады:

- Конокту жакшы караңыз, үч күнгө чейин келбейм, зериктирбеңиз! - деп Аиданы карап: - телевизор көр, видикти койуп каалаган кассетаны койсоң болот. Чарчасаң укта, душка түш, мен кеттим, жакшы тур, көрүшкөнчө! - деди да кетип калды. Аида кубанаарын же өкүнөөрүн билбей, көпкө чейин дендароо болуп бир ордунда турду да, анан душка түшүүгө ваннага кирди. Ал ошентип санаадан арылгысы келди.

ooo

Каныш эне өзүнүн кетирген катасын кеч сезип: "Каап, бекер кылган экенмин, уулумдун көңүлүн оорутуп алган көрүнөм, тим эле койбой, балалуу болуп каса жашай бермек экен, төрүмөн көрүм жакын калганда мен эмне калжаңдадым, ботом?" деп бушайман болуп жатты. Акыры семиз кой сойуп алып, Медет экөө куда-кудагыйынын үйүнө жөнөштү. Коңшусунун машинасын жалдап алышты. Дарегин так биле албагандыктан аларды табуу кыйынга турду, акыры таап алышты. Аларды кудасы жакшы маанай менен тосуп алды. Бирок чакырткан менен Феруза келбей койду: "Жетишет, эми мен өз жолум менен болойун, экинчи убара болушпасын" деп үйүнүн дарегин билгизбегиле деп катуу дайындады. Ошентип Медет менен Каныш эне үйүнө кайтты. Бирок эне тынч жаткан жок, дароо эле коңшу айылдык өзүнүн инилеринин кызына жуучуга барды:

- Иним, - сөз баштады Каныш эне, - мен болсо карыдым, жалгызымды силерге дайындап анан да кызыңардын колун сурап келдим, - эне чала-була көз жашы кылып ийди. - Эгер көзүм өтүп кетсе баш-көз болосуңар, бала кылып алгыла!

- Бир тууганбыз эже, уругубуз бир, сизден кыз аябайын, кызды сураганга, кымызды ичкенге бер деген эмеспи элибиз.

- Анда эмки жумада тойду баштай берсек болобу?

- Сиз айткандай болсун!

- Ыраазымын, айланайын, - деген эне үйүнө абдан кубанычтуу келди. Медет: "Эми дагы кандай немеге жолугаар экемин" деп ойлуу жүрдү. Эне экөө тойго камынып жатышты. Эртең той деген күнү Медет укмуш түш көрдү: ал түшүндө бир сонун үйдө жүрүптүр, анан катар-катар жыйылган жууркандардын бирин алып жамына койсо эле баягы жууркан тешик-тешик болуп оюлуп калган экен, чоочуп жуурканды серпип ийген Медет ордунан тура калса жүрөгү лак-лак этип калыптыр, ордунан туруп суу уурттап келип, анан жатып калды.

Эртеси эртең менен Медет көргөн түшүн Каныш энеге айтып отурду:

- Апа, мен бир кызыктай түш көрдүм, укмуш сонун жасалгалуу үйдө жүрөм, анан эле жап-жаңы жууркандардын арасынан бирди жамынайын дегенимде баягы жууркан тешик-тешик болуп калыптыр, чоочуп ойгонуп кеттим. Бул эмнеси?

- Ээ балам, түшкө эмне кирбейт, эч нерсе болбойт, ишиң оңолот экен, уулум.

- Билбейм апа, таң калыштуу түш…

- Ойлонбо, уулум, иш жакшы бүтүп келатат. Сенин бактың менин бактым эмеспи, балам. Андан көрө тезирээк камын, кызга барабыз, келчүлөр келгенче сен даярдан, мен баарын камдап койдум.

- Апа, мынчалык чабылуунун кереги эмне, эртеңки күнү өзүбүз кыйналбагыдай болушубуз керек го?

- Эч кам санаба, балам, мен кайра-кайра келин алгыдай кайсы толгон балам бар эле, тойду тойдой өткөрүүбүз керек.

- Ошентсе да… - деген Медет үнсүз ордунан туруп өз ишине киришти. Анткени Каныш эне өз билгенин жасоого уста, айтканынан кайтпайт, өз жайына койгондон башка арга жок экени белгилүү.

Ошентип тойдун шаанисин жасап кыз алчу айылга жөнөштү. Медет жолдоштору менен атта калды. Өзүнчө санаалуу. Оюнда Феруза: "Ал кантип жатты экен, апам ага эмне деп айтты, карачы анын акылдуулугун, болбосо мага айтат эле да?" деп алдыда болчу тойду унутуп өзүнүн аялы жөнүндө ойлоп баратты. Жакынды бир көргөндө жактырып калган, бирок: "Анын акылы, мамилеси, кыял-жоругу кандай болду экен?" деп жүрөксүп жатты. Кыз тарап дагы тойго катуу даярданган экен, алты бакан орнотуп, кыз-жигиттер чогулуп, "жезде келатат" дешип кыздар чуулдап алдынан чыкканда Медет абдан сүрдөп кетти. Ооба, "күйөө күтүү" каадасы болуп аны атайын өргөөгө киргизишти. Салтка жараша кыз-күйөөнү беттештиргенден кийин оюн-зоок башталды. Кыздын атасы колунда бар адам экен, өзү да бир айылдын билермандарынан болчу. Тойго эл көп келди. Айрыкча сейрек болчу мындай тойду көрүүгө кызыкканы бир топ, суктанганы бир топ болуп, жөн эле аралашып жүргөнү бир топ. Союз тараганы кайрадан кыргыздын үрп-адаты менен каада-салтын эл арасына жайылтылганы мындай тойду менменсингени гана өткөрбөсө, көпчүлүгү эптеп-септеп эле кыз берип, келин алып жатпайбы! Доорон өзүнүн эң кичүү кызын даңазалуу той жасап күйөөгө берем деп ойлогон оюн аткарды.

Үчүнчү күнү той таркап, кыз узатуу каадасы болду. Кызды узатып апасы, жеңелери, эжеси болуп коштошту да, ээрчишкен үч машина узап баратты. Каным эне өз үйүнө да абысын-ажындарын шайлап, аерде кой союлуп, боорсок бышырылып, келинди күтүп жаткандар бар. Келинди жүгүнтүп үйгө киргизгенден кийин көшөгө тартылып, чачыла чачылды, конокторду тейлеген келиндер өзгөчө шаңдуу, бир бирине ыр чыны сунушуп чер жазыша күлүп жатышты. Эненин кубанычында чек жок эле, өзү ойлогондой, өз көңүлү сүйгөн жерден бүлө күткөнүнө ыраазы. Келгендер бир топто тарап, өздөрү эле калышты. Жаркындын жеңеси кошо келген. Ал күнү кыз-күйөөнү жаткыра албай калышты. Эртеси керээлден кечке келин көрүп келгендер Каныш энеге суктанып да, ыраазы болуп да жатышты. Чүкөдөй кемпирдин дүңгүрөтө бир айылга той бергенин айтып түгөтө алышпайт. Алардын ичинде чын пейили менен ыраазы болуп жатканы да, өздөрүнүн мындай той бералбасына ичи күйгөнү да бар эле.

Үчүнчү күнү кыз-күйөөнү жаткырып коюп кетели, биздин да үй-жай бар деген жеңеси эртелеп төшөк салып, кыз-күйөөнү үйгө киргизди. Ошондо Медет жарым саатка жетпей эле сыртка чыкты да:

- Кызыңарды алып кете берсеңер болот, күйөөгө тийип чыкканбы, же атасынын төрүндө бузулганбы?! - деп сыртка чыгып кеткенде жеңеси Гүлбүнүн өлбөгөн эле төрт шыйрагы калды. Нес болгон энедей бир топ туруп калды да, жүгүрүп кыз жаткан бөлмөгө кирди:

- Ай шерменде, бул эмне кылганың ыя, мени шерменде кылбадыңбы! - деп жетип барып Жаркынды жаакка чаап жиберди. Жаркын эмне демек, ыйлагандан башка эч нерсе дей албады. Аңгыча сырттан кирген Медет:

- Кызыңардын сырын билип туруп эмнеге күйөөгө бересиңер, же мени эч нерсе билбеген айбан дедиңерби?! - деп Гүлбүнү ызалуу карады да: - Кызыңар кыз болбой калган үчүн өзүңүз жооп бересиз, бүгүн мен сиз менен дал ушул Жаркындын көзүнчө жатам! - деди.

- Айланайын күйөө бала, мени өлтүрбө, ошол кантип болсун?! - деп Гүлбү ыйлап жиберди.

- Андай болсо түнү менен кызыңды жетелеп жолуңа түш! - деп Медет түнөрүп туруп алды. - Эгер азыр менин айтканыма көнбөсөңөр тез чыгып кеткиле! Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын десеңер менин шартымды аткарасыңар! - Медет Гүлбүнү жактырып турган, жеңе болгону менен ал Медеттен кичүү болчу. Жаркындын улуу агасынын аялы эле. Жыйырмадагы солкулдаган сурма көз келин. Бир эле балалуу болушкан. Медет бир жагы апасына жини келип: "Чыдаса жашасын, чыдабаса жок, чыдаса кыз эмес болмоктон балээ болсун, өзү жакшы болсо болду, эптеп жеңесин…" деп лапсисин агытып жатты. Гүлбү чынында өзү деле Медетти жактырып: "Жылдыздуу бала экен, эмнеге менин пешенеме ушундай жигитти жазбады?" деп ичинен тагдырына нааразы боло кеткен адеген эле күндөрү. Анткени анын күйөөсү өңү серт, сүйлөгөнү да колдурап жагымсыз болчу. Гүлбүнү атасы эле болбой Доорондун байлыгына кызыгып берип койгон. Бир жагы ал шылтоо болду, бир жагы ошол жаман күйөөсү: "энеңди, ушул кыз болбой калса сенин шоруң", - деп Жаркын эки жакка кетсе эле сөгүп жатып калчу. Ошону эстеди да:

- Эгер чын эле жабылуу аяк жабылуу калсын десең, эркекче сөз бер! - деди эле, Жаркын:

- Жок-жок, бул азапты өзүм эле тартайын, эл эмне десе ошол десин, мен кетем, сиз макул болбоңуз! - деп чыңырып жиберди.

- Эмнеси болсо да эртерээк чечкиле! - деген Медет кайра чыгып кетти.

Бул кезде Каныш энелер сырткы бөлмөдө уйкуда жаткан, бул иш жөнүндө эч кимиси билишкен да жок.

- Эй бети жок, кантип ошону айтып жатасың, эл-журт, атаң-энең экөөбүз ээрчишип барсак эмне дейт, андан көрө баарына сүйүнчүлөп барганым, эртең менен биердегилерден көрүндүк алып сүйүнчүлөгөнүм жакшы эмеспи! - деп Гүлбү Жаркынды зекип зорго көндүрдү. Ошол түнү Медет Гүлбү менен ырахатка бөлөнүп жатканда Жаркын үнүн дирилдетип, эки көзүнүн жашы он талаа боло өткөн күндөрүн эстөөгө мажбур болду. Жүрөгү барча-барча тилинип, көшөгөнүн ичинде күйөөсү менен жеңесинин дабышын сезбегендей нес болуп, тээ өткөндү көз алдына келтирди…

Жаркын тарбиялуу, бир айылдын билерманы да, кадыр-барктуусу да болгон үйбүлөдө чоңойду. Өзү абдан зээндүү эле. Өтө сулуу болбосо да, бир топ кыздарга караганда жылдыздуу. Мектепти бүткөндөн кийин окууга барып өтпөй калганда башка кыздарчылап шаарда калып калбай, айылга келе берген. Айыл адамдары бир көрүп эле сын берген адаты бар эмеспи, ал эми Жаркынды башы оор, акыл-эстүү, салмактуу кыз катары баа беришээр эле. "Мактаган байдын кызы желенин башына сийиптир" дегендей, Жаркындан мындайды күтүшкөн эмес…

Жаркын анда-мында райборборго барып калчу. Ошол күнү дагы ал шайтан басып жолго чыкты. Эгер ата-энеси жибербей койсо да барбай калат беле, алар Жаркынга ишенип кайда болсо жиберишчү. Ал ошондой ишеничтүү кыз болчу. Чоң жолдун боюнда турганда анын жанына Замир келип токтоду. Ал төмөнкү айылдын кулуну болот. Үйбүлөсү болсо да ал келин-кызды көргөндө жантыгынан жата калчу. Эби келе калган жерде кыз будамайлап жиберген да өнөрү бар.

- Чоң кыз, кайда барасың? - деди Замир Жаркынды карай жылмайып.

- Районго.

- Жүрү кеттик!

- Клиенттериңиз барбы башка?

- Жок, сендей сулуу кыздын кызматындабыз, эгер сиз кааласаңыз башка адам салбай эле алып кете берем.

- Жалгызбы?

- Ооба, эмне экен?

- Андай болсо түшпөйм, корком.

- Эмне, мен мокочо көрүнүп атамбы?

- Жок, жөн эле.

- Андай болсо кеттик, жолдон клиент чыкса алып алам, болбосо өзүм да шашып турам.

- Макул анда, - Жаркын аргасыз машинага олтурду. Замир жол гата тамашалап сүйлөп келатып күлдүрүп жатты. Негедир анын ачык, шайыр мүнөзү Жаркынга жагып калды. Ал күнү районго Жаркынды жеткирип койду. Жөн калбай аны менен эки күндөн кийин жолугушмак болду. Жаркын арадан бир күн өтүп дагы жолго чыкты, бул жолу апасына жок шылтоону айтып чыкты. Замир жолдо баратып аны суу боюндагы кафеге чакырды. Тамак-аш заказ берген Замир бир импорт вино кошо заказ берип, аны Жаркындын келечеги, бактысы үчүн иче башташты. Жаркын ичпейм деди эле, Замир бал тилге салып жатып эптеп аз-аздан ичирип жатты.

Мурун ичкилик ичпеген Жаркын кызымтал болуп, Замирдин кылыктарына күлүп жатып, анын ийнине башын жөлөп алганын сезбей калды.

Замир анын кызып калганын билгенден кийин акырындап өөп кирди. Кыз унчукпады, дагы өптү, кайра ага жага бербей кыткылыктап күлө берди. Акырындап өбүшкөнгө жеткенде Замир акырын кызды колтуктай кафеден чыгып машинага келди да:

- Жүрү бир аз суу жээгине эс алып таза аба жутуп кетели, - деди Жаркынды карай сынай тиктеп.

- Маку-ул! - деди Жаркын. Ошентип экөө кыялап суу жээгине түшүштү да, бираз олтуруп дагы Замир чабуулга өттү. Кыздын күлкүдөн башкага алы келбегенинен пайдаланган Замир эми аны көк чөпкө кытыгылай жыкты да, алкымынан өөп кирди. Кыздан эч кандай тоскоолдук болбогон соң: "кыз деле эмес го?" деген Замир дароо эле ычкырына кол узатты. Ошондо гана Жаркын:

- Оой, байке, мен кызмын, мага тийбеңиз! - деп ордунан тура калайын дегенде ээленип өзүн токтото албай калган Замир ой-боюна койбой заматта будамайлап салды. Кыз буркурап боздоп, өзүнүн кылган ишине өкүнүп ыйлап жатты: - Менин кудалап койгон күйөөм бар, укса эмне дейт, эмне деп жооп берем?!

- Коркпо, күйөөгө кетерден эки күн мурун мага жолуксаң мен сеникин тиктирип берем, кыз болуп калсың! - деди.

- Кантип, ошентсе болот бекен? - ичкен виносу тарай түшкөн Жаркын эми эптеп бир айла болобу дегендей Замирди карады.

- Эмнеге болбосун, эң сонун болот, мен сени уят кылбайм! - деп кайрадан өөп-жыттап, көк шиберге кызды алынын жетишинче уйпалап, анан экөө сууга барып жуунду да, жолго чыгышты.

Ошентип Жаркын мына-мына күйөөгө кетем деп турганда кыз атынан жаңылып алды. Медетти бир жолу көргөн, бирок атасынын жээни экенин угуп, ага көңүл бурган эмес, жөн гана "тууган тура" дегендей маани бербеген. А Замирди болсо жакшы көрүп калды. Ыйлаганын билгизбей үйүнө келип, көңүлү чөгүп бөлмөсүнө өттү. Аны байкаган эне дароо анын асты-үстүнө түшүп сурап кирди:

- Кызым, сага эмне болду?

- Эч нерсе… - деген Жаркын бир нерсе ойлоп табууну чечти: - Апа!

- Эмне, кызым? - эшикке чыгып бараткан эне кайрылып Жаркынды суроолуу карады.

- Апа, мага Медет жакпайт, ага тийбейм.

- Эмнеге, ботом? Эми кеч болуп калбадыбы, баарын даярдап койдук, мына бүрсүгүнү келишет, атаң мунуңду билсе билесиңби балам эмне кылаарын, андан көрө башка айылга, бөтөн үйгө бүлө болууга даярдан! - деген апасы чыгып кетти. Жаркын ошондо бир жарыла эчкирип ыйлады дейсиң, ичтеги муңун чыгара өксүп жатты…

Эртеси Жаркын жолго чыкты, Замирге жолукту… Экөө ээн жерге барып сагынышканын жазып, кумардан чыккандан кийин Жаркын ага эркелей минтти:

- Мен тигиге эмес, сага күйөөгө чыгам!

- Эмне үчүн, менин аялым, кыздарым бар да?!

- Баары бир!

- Койчу тамашаңды, ошондой кантип болсун, мен сага кыздык тиктирип берем деп айтпадым беле?

- Кана тиктиргениң, эртең күйөөм келет, той болот, анан мени алып кетет…

- Анда эртең эртеменен ушул жерге келип күтүп тур, эки саатын ичинде бүткөрүп салам. Анан күйөөңө кыз болуп барып каласың! - деген Замир Жаркындан тез эле кутулгусу келип турду.

- Менин ага күйөөгө чыккым келбей жатат, а сен мага абдан жактың.

- Жомокту айтпай жолго чыгалы, сени жеткирип коюп, мен врачка сүйлөшүшүм керек! - Замир жиндене сүйлөдү.

- Болуптур эми, мына кеттик, эркектер ушул экенсиңер да, кыздардын убал-сообун же үйүңөрдөгү аял, бала-чакаңарды ойлобойт турбайсыңарбы! - Жаркын машинага олтуруп жатып ыйлап жиберди.

- Жаркын, койчу эми, ыйлабачы, эртең сөзсүз күйөөңө таптаза болуп баргыдай кылам, ошондо мага ыраазы болосуң.

- Ким билет, дегеле эч нерсеге ишенбей калдым…

Аялдамага келип токтогондо Жаркын эч нерсе болбогондой жерге түшүп калды. Замир ал түшүп кетээри менен оор күрсүнүп алды да:

- Ох энеңди! - деп алды, - ушунуку өттү, жөн эле Манаска тийе тургансып, эми "акеңди" таап көр! - деди да, машинасын зуулдаткан бойдон жөнөп кетти.

Жаркын Медеттер келген күнү өзүнөн өзү кыжаалат болуп, бир сыртка чыгып, бир үйгө кирип кыйнала берди. Аны байкаган курбу кызы:

- Жаркын, эмне болуп атасың, өңүң да өзгөрүп өзүңчө эле кыйналып жатасың да?! - деди.

- Жөн эле… - Жаркын башка сөз айтпай үйдүн бет маңдайындагы дөбөчөнү көздөй басты…

"Келип калса экен, келбесе эмне кылам, анда өзүмдү…" деп муундары калтырап чыкты. Эгер билинсе атасынын кадыр-баркы тепселенип, Доорон намысынан эмне болоорун ким билет? "Доорондун кызы кыз эмес экен деген сөз айылга тараса…?" Жаркын дөбөчөгө жеткенде үй көрүнбөй калганча эңкейиштеп барып эчкирип жиберди. Артынан келе жаткан курбусун байкаган жокпу, же байкаса да ызага жеңдирдиби, жерге чөгөлөй калып эчкирип ыйлап жатты. Артынан келаткан Аззам:

- Жаркын, Жаркын, сага эмне болду, тоюң болуп жатканда ыйлаганың эмнең, эл көрсө, ата-энең көрсө эмне дейт? - деп колтуктай калды.

- Менин тоюм эмес, жазатым болсо кана, курбум, ушундан көрө бүгүн мен өлүп калсам жакшы болбойт беле?!

- Ал эмне дегениң, Жаркын, ушул бактыны, ушул бүгүнкү күндү күлүп-жайнап тосо албаганың эмнең, бул өмүрүңдөгү эң бактылуу күн эмеспи! - деп Аззам Жаркындын көз жашын аарчып бетинен өпкөндө ал:

- Жок, жок, курбум, ушул күнгө жетпей эле өлүп калсам эмне, кантем эми, эмне кылам, айтчы??? - деп боздоп жатты.

- Айтчы деги, эмне болду, эмнеге минтип жатасың?

- Мен бирөөгө алданып калгам!

- Койчу, кантип, качан?!

- Мен акылсыз, мен шерменде, мен бейбак кайсы бетим менен күйөөнүн койнуна жатам?!

- Билбейм… - Аззам акыл айтууга дити барбай делбейип калды.

- Ал мага кыз белги тиктирип берем деген, бүгүн келмек.

- Тиктирип дейсиңби?

- Ооба!

- Ошондой да болот бекен?

- Билбейм, ал ошенткен болчу, андан көрө тигил аялдамага барып ошону карап келчи, эки саатта бүтүрөм деди эле, - Жаркын Аззамды жалдырай карады.

- Макул, бирок ким деп сурайм?

- Замир.

- Кеттим, сен даяр тур! - Аззам төмөн карай жөнөдү. Ал курбусунун көңүлү үчүн бара жатып: "Кызык, эмнеге алданып калды, дегеле сыр жашырчу эмес эле, бул сырын жашырып койгон тура, кыздыкты да тиктирет болду бекен, кызык!" деп ойлонуп кетип баратып аялдамага жеткенин да сезбей калды.

Бул убакта Жаркын көзүнүн жашын салаалатып эки көзү ылдый жакта: "Оо кудай, келип калса экен, эгер келбей калса атам каны көтөрүлүп өлүп калат го, намыс үчүн да сөзсүз өлөт, эми кантем?" Үйгө барып кийинип, кайрадан дөбөнү көздөй жөнөгөндө алдынан апасы чыгып:

- Кызым, неге көңүлүң чөгүп калган, анчалык көк болбо, балам, биз сенин келечегиң үчүн кам көрүп жатабыз, туулуп өскөн босогоңду аттап бөтөн эл, бөтөн жерге аттанганы турасың, жаркылдап жайнап уза, айланайын! - деди Жаркындын сумсайыңкы жүзүнөн өөп.

Жаркын өзүн араң токтотуп, көзүнө келе калган жашты көргөзбөөгө аракеттенип мисирейип басып кетти. Энеси турган ордунда нес боло туруп калды да, башын чайкай өз ишине киришти.

Жаркын дөбөгө келип сербеңдеп жүгүрүп келе жаткан Аззамдын караанын көрүп сүйүнүп кетти. Аны Замир келип күтүп жаткандай туюлду. Бирок Аззам ага жакындаганда эле алдын тосо сураганда ал:

- Жок, курбум, жок, тигил машина биздин айылдык Жеңиш ава экен! - дегенде Жаркындын кулагы чуулдап көзү караңгылап, олтура калды: "Бүттү, эми баары бүттү, андан көрө эптеп өзүмдү өзүм жок кылышым керек!" деп атты ичинен. Аззам ага эмне дээрин билбей жанында тура берди.

Ал күнү Медеттер түшкө жакын келип той башталды. Жаркындын суз болуп ойлуу отурганын көргөн Медет ошондо ичинен сызып алган: "Же көңүлү жок, же бир мандеми бар" деп. А Жаркын болсо эмне кылаар айласын таппай ичинен түтөп отурган...

- Болуптур, мен Жаркын менен жашоого макулмун, эч кандай сыр ачылбайт, - деген үндү укканда Жаркын ойлогон оюнан адашып кетти.

- Кечирип кой, күйөө бала, эми кызыкенин тагдырын сага тапшырдым! - деген Гүлбү ордунан туруп келип Жаркынды колтуктап Медет жаткан төшөккө алып барды да: - Бактылуу болгула! - деген бойдон сыртка чыгып кетти.

ooo

Феруза өз иши менен алектенип жашоосун өткөрө берди. Ал ата-энесиникине анда-мында эле барбаса, барбайт деле. Эптеп эле курсагындагыны төрөп алса эч кимге көз каранды болбоочудай сезилет. Бир күнү ага апасы келиптир:

- Кызым, мен сени менен ачык сүйлөшсөм дедим эле, өмүр бою жалгыз өтмөк белең, атаң экөөбүз дагы сенин азабыңдан карып кеттик, убайым жегенибиз эле сен, биздин барыбызда эптеп күйөөгө чыгып алсаң өзүңө да, бизге да жакшы болот эле.

- Апа, ушундай сөздү азыр азыр мага айтуунун зарылчылыгы кайсы, менин боюмда бар эмеспи, аны кантем?!

- Эчтеке болбойт, азыр аның билинбейт деле!

- Жок-жок, мен… - деген Феруза үндөбөй туруп калды.

- Жок дегенде бир көрүп, сүйлөшүп көр, анын аялы өлүп калыптыр, баласы жок экен.

Феруза үндөгөн жок: "айтса-айтпаса төгүнбү, - деген ойго келди ал: - көрсө көрөйүн, кокус туура келсе…". Бирок ал оюн сыртка чыгарган жок. Апасы ал күнү кетип, эртеси Насырлар боюп чогуу келишти. Насыр элүүгө чыгып-чыгалек кара мурут, кызыл жүздүү жигит экен. Адегенде эле Феруза аны көрүп бираз сүрдөп алгансыды: "Бираз улуураак экен, бирок… - деп ойлоп алды, - адамгерчилиги кандай болду экен?" "Байкап көрсөмбү?" деген Ферузанын бир ою кайра: "Жалгыздыктан тажагандай деле болдум, чыкса чыгып деле алайынчы, ата-энемдин да көңүлү тынып калсын" деп жатты.

Ошентип Насыр Ферузаны үйүнө алып кетти. Насыр өмүрүндө бирөөгө жаман айтпаган жан эле. Ал Ферузанын оюндагысындай болду. "Кудай буйруса эми бактымды таптым го" деген Феруза өзүнчө бактылуу болуп жүрдү.

Арадан алты ай өткөндө Феруза уул төрөдү. Ага Насыр абдан кубанды. "Өзүмдүкү болбосо, эми дагы төрөп берет, акжолтой бала болсун" деп, атын Акжолтой койду. Чаң жугузбай багып, кеч келген бактысына карк болуп жашап калды. Уулу кадим эле Медеттин өзү, союп каптагандай. Күндөн күнгө үн салып күлө баштады. Ан сайын Феруза бакыттын кайыгында калкылдап эзилет. Насыр андан бетер жакшы көрөт, бактылуу ата, камкор үй ээси. Насырдын иштеген жери май-талкандын өзү болчу. Ал кампада иштейт. Үйүндө баары бар. Бир бирине эриш-аркак болгон жубайлар кеч келген бактыларына бирде ишенсе, бирде ишенбей мамыр-жумур. Арадан сегиз ай өтүп, уулу эмчектен калганда Ферузанын дагы боюнда бар экени билинди. Ошондогу Насырдын кубанганын айтпа. Ферузаны жерден так көтөрүп өөп:

- Ыраазымын жаным, сени мага жолуктурган жаратканга ыраазымын, өмүр бою алаканыма салып жүрүп багам! - деп делбектеп, кайра Акжолтойду көтөрүп алып: - кагылайын наристем Акжолтойум, акжолтоюм менин, ылайым аман болуп аркаңан инилерди ээрчитип келе бер! - деп көзүнөн жаш куюла өпкүлөп жатты. Бул үйбүлөнүн кубанычы ушул бүгүн чексиз эле…

ooo

Медет түшүн эстеди: "ой тобо-о, карасаң туура чыкканын, тешик жууркан Жаркындын кыз эместиги тура" деп ойлонуп, андан ары үч жыл Бишкекте өткөргөн күндөрүн кайрадан көз алдынан чубуртту…

Роза менен Медет ээрчишип алып темир терип тапшырып, эптеп жан сактап жүрдү. Кыскасы баарын-баарын жасады, эртең менен эрте туруп жөнөшөт да кафе-барлардын айланасындагы мусор челектерди карап, алардын ичинен жаңы ичилген фанта-колалардын идиштерин чогултуп өткөрөт да, жатаканаларына келишет. Табылса коланын идиштери жеңил дагы, оңой, ал эми темирдин оордугунан абдан тажап кетишти, же ичкен күчтүү оокаттары болбосо, тердеп-кургап көтөрүп келгендери он-онбеш кило болсо онбеш сом зорго болот. Билинбестен жаз да келди. Роза бир күнү жоголду. Медет ага көнө түшкөн эле. Эмне селсаякка деле жан керек, ал деле адам да, экөө ээрчишип күндүзү оокат таап, түнкүсүн эрди-катын болуп оңуп эле калбады беле. Медет адегенде аны этибарга деле алган жок. Үчүнчү күнү кадимкидей жалгызсырап издей баштады. Ал талаадан темир тапшырып аракка тоюп алды да, Керимдерди издеп баягы люкка барды. Келсе эч ким жок экен. Абдан кызуу Медет аерге келип уктап калды да, түн бироокумда ойгонду. Ойгонуп алып ордунан ыргып турду да, жан-жанын сыйпалап кирди:

- Керим байке, байке?! - эч үн же дабыш болбогон соң Медет тешиктен сыртка эптеп чыкты да, туш келди басып баратты. Анын көз алдында баягы орус чал ээрчип келаткандай сезилип, улам артын карап койуп кете берди. Ал Ош базарына келгенде жерге жарык кирип калган болчу. Башы ооруп калыптыр. Кайсактап эки жагын караган менен эч нерсе колуна илинбеди. Базарга бирин-серин эл келе баштады. Жок дегенде баш жазгыдай беш сому болгондо эмне…

Элдир-селдир болуп кетип жатканда алдынан Роза бирөө менен ээрчишип чыга калды. Аны көргөн Медет:

- Эй, сен кайда жүрөсүң ыя? - деди токтой калып.

- Эмне, менин кайда жүргөнүм менен сенин ишиң канча? - Роза аны жактыра бербей жооп берди.

- Эн-неңди жалап, кете бер ары, экинчи жаныма жолобо! - Медет колун шилтеп басып кетти.

- Сага жармашып калмак белем, жоголчу ары жинди, алкаш! - Роза кыйкырып жибергенде Медет:

- Жап оозуңду жалап, көргүлүгүңдү көргөзө электе, - деп артына бурулуп Розага жакындап калганда тигил күрсүйгөн неме жолун тосуп:

- Эмне керек сага, кете бербейсиңби! - деп муштумун түйө үтүрөйүп калганда Медет да жиндене:

- А сага эмне керек, менин катынымды ээрчитип алып эмне дегиң келип атат? - деди ага тирелише калып.

- Атаңдын баш-шы, кайдагы калпты айтпай көтүңдү кысып жолуңа түш азыр, Роза менин катыным билсең, биздин жашап жүргөнүбүзгө беш жыл болгон!

- Калп! - Медеттин жини келип кетти. - Түрмөдөн жаңы эле келсе кайдагы беш жылды айтып башты оорутубатасың.

- Иш-шиң болбосун, басчы кеттик, - деп тигини Роза колдон ала ары басып кетти.

Медет үндөбөй биразга турду да:

- Эн-неңди.., жалап тору! - деп басып кетти. Ары басып бир бөтөлкө таап алды да: "Ырас эле бөтөлкө тербейимби ыя?" деп ойлоп, мусор төгүлгөн жерди челип атып бир пакет таап аны алып ага бөтөлкөнү салды да кыдырып кирди. Ал Бейшеналиева көчөсү менен чо-оң мусор төгүлгөн жерге барды да тинте баштады. Эптеп жатып ончакты коланын идиши менен беш-алты бөтөлкө таап, аларды жууп-тазалап алып базарга кирип өткөрүп чыкты да, дароо эле жүз грамм ичип эс ала түштү. Анын азыркы турушунан башка бирөө эмес өзү да жийиркене турган, айла канча, аргасыз селсаяктар арасында өз жашоосун улантууда. Кээде такыр иштегиси келбей стакан көтөрүп самогон саткан аялдардын жанынан кетпей жалдырап жүрө берет. Селсаяктардын жашоосу күзүндө бир топ жеңил боло түшчү. Анткени жер-жемиштер бышып ар кайсы жактан келип базарда арзан жана кичине эзилгендерин таштап коюшат. Аны терип жеп оңой кардын тойгузушат же капусталарды четинен уурдап барып арзан-арзан самогонго айырбашташат. Медет бул чөйрөгө биротоло көндү, апасын эстегенде гана кеткиси келет да: "Ушул кебетем менен кантип айылга барам, эл эмне дейт, апам кандай абалда калат?" деп асманы аңтарылып түшүп кайрадан самогондон ичип алат да баарын унутуп калат. Баарынан уйкунун ары жок эмеспи. Жол боюндагы талдар менен арчанын арасында отурган селсаяктардын жанында Медет да бар. Анын жанында жаш орус кыз отурат. Ал көптөн бери Медет менен ээрчишип бирге жүрөт. Анан калса анын "жатаканасы" бар экен. Жатакана демекчи, Бейшеналиева көчөсүнүн Ош базарынын тушундагы төрт кабат үйлөрдүн подвалдарында турат. Медет кийинки күндөрү кара жанын карч уруп иштеп акча чогултуп айылга кетүүнү ойлогон менен кайра эле бир күнү акчасыз калат. Кардын араң тойгузуп кийими кирдегени бир тең, самсаалап жыртылганы бир тең болду.

Бир жолу подвалдан чыгып келатып үстүңкү кабатта кийимдер илинип турганын көргөн Медет дароо уурдоону ойлоду. Аны кантип алыштын амалын ойлоп отуруп ал тээ темир жол жакка барып узун темир көтөрүп келүүнү ойлоду да, кечкиге даярданды. Ап күнү анын ойлогону ордунан чыгып, баягы кийимдерди тартып түшүрүп алды. Бирок ал аерден кетпесе болбойт болчу. Кийимдерди алгандан кийин тигил орус кызга макулдашканы кирсе ал бир орус бала менен жатып алыптыр. Аны көргөн Медет жыйрылып алды да, үндөбөй чыгып кетти. Ошол бойдон ал бир да бирөөнө мамиле кылбады. Уурдаган кийими бат эле кирдеп мокочо болуп калган. Жадагалса селсаякмын деп эле өзүн таштап койгону жаман болду. Жок дегенде бети-колун жууп албайт. Кийинки күндөрү ал эч кимге кошулбай элден да, өз чөйрөсүнөн да алыстап бир гана өлүмдү күтүп жүрдү: "Эмнеге орусту өлтүргөн Керим мени өлтүргөн жок, байкатпай өлтүрүп койсо болмок, ушул жашоодон тажап жүргөндө бул жарык дүйнөнүн мага эмне кереги бар, а менин кимге керегим бар, бир гана апам жоктойт, мен үчүн көз жашын көлдөтүп жүрүп өтөөр, ага кантип барам, ушул кебетем менен кантип көрүнөм?!" деп ичинен сызып көмөкөйүнөн ачуу айкырып алгансыйт. Ошентип ал табылса ичип, табылбаса ичпей жүрө берчү. Нес болгон немедей делдейип өткөн-кеткенди карап ойлуу тура берчү болгон. Анын бул турушу көргөн адамга мастай көрүнөөр эле…

"Дал ошондой абалда же адам эмес же селсаяк эмес өлүү менен тирүүнүн ортосунда жүргөндө Феруза жолукпадыбы, - оор онтоп алды Медет. - ал эмне болду, мага таарынып жолукпай койду, боюнда деди эле, төрөй турган боло элек" деген Медет Жаркын жакка оодарыла ага кош көңүл колун арта салып, аны менен көп жылдан бери жашап келе жаткандай ал турсун андан тажап калгандай уйкуга кирди. Жаркындын жүрөгү канжар малып алгандай тыз-тыз этип канап жатты, анткени бул түн алардын алгачкы түнү эле да… Уйку бетин көрбөй түнү бою ыйлап чыкты Жаркын.

Эртеси жеңеси Гүлбү мурдатан даярдап алган канды Медет туруп кеткенден кийин шейшепке тийгизип алып чыгып:

- Кудагый, сүйүнчү, келиниңиз эркек төрөдү! - деп уялып койбой сүйүнчүлөп жатты.

- Болсун, айланайын, болсун! - деген Каныш эне жан-алы калбай көрүндүгүнө даярдаганын берип, Гүлбүнү коноктоп, сыйлап узатты.

Жаркындын ан сайын жүрөгү сыздап, өзүнүн көзүнчө жеңеси менен жаткан Медетти жек көрүп ого бетер ичи муздап калды. Ал аргасы кеткенде: "Мунун баарына мен эмес, Медет эмес, жеңем да эмес, Замир күнөөлүү" деп ойлогондо өзүнчө эс ала түшөт кээде.

ooo

Феруза уулу менен алек болуп үйдө. Насыр болсо эрте кетип кеч келип үйбүлө багуунун камында. Анын ушу бүгүнкү кубанычында чек жок: "Акжолтой чын эле ак жолтой болуп артынан уурутуп-чуурутуп ээрчитип келсе экен" деп ойлойт оюнда. Анткени Феруза жакында ага наристе жытын жыттатып, ыңаалаган бала үнүн угузганы турбайбы. Өзү менен теңдер неберелерин ээрчитип калышты. "Ушуга да тоббо" деп алат Насыр. "Кудай өмүр берсе дагы бир жыйырма жылда уулум бой жетип мен деле небере көрүп калаармын" деген ой да келет ага. Ферузанын ичи чоңойгон сайын ага жумуш жасатпай аярлап жүрөт. Акжолтой болсо басайын деп калды, ага да бирөө керек. Насыр ары ойлоп, бери ойлоп карындашынын кызын алып келди. Ферузага каралашканга. Баланын "ата-апа" деп жаңыдан чулдурап чыгып келаткан таттуу тилине жетине албай экөө тең өпкүлөп жан-алы калышпайт. Феруза кээде ойлонуп отуруп: "Эгер Медетти өзүм ээрчитип барбаганда дагы эле жүрө берет белем" деп купуя жылмайып алат. Тестиер кыз келгенден бери Феруза түйшүк тартпай калды. Желдей жорткон убакыт өтүп, тез эле Ферузанын төрөөр күнү келип ал уул төрөдү. Насырдын кубанганын айтпа! Ферузага жалынып, Акжолтойго айланып-кагылып жүрөт. Насыр уулунун атын Актилек койду. Анткени ал менин үмүт-тилегимди кудай берди деп атайы азан айтып ат койдурду. Актилегинин үнүн чыгарбайт. Кичине эле чукуранса колуна алып көтөрүп кумары кандай жыттай берет. Эки уулдун энеси болуп бактылуу жылмайган Феруза бир кездеги жалгыздыктын азабынан түн бою уйку көрбөй таң атырган күндөрүн эстеп: "Бир күн караңгы, бир күн жарык деген ушу тура, мени менен теңдердин балдары чоңоюп калды, ушуга да шүгүр, уулдарымды адам кылып тарбияласак" деп эки уулун кумарлуу жыттап алат. Бир кезде жалгыздыктан тажап, бир эркек жытын, жылуу кучагын эңсеген кези өтүп эми баары-баары аткарылганына ыраазы.

- Ыраазымын сага, Феруза, менин жалгыз башымды эки кылдың, мен ата болдум, какбаш болуп каламбы деп коркчу элем, - деп Насыр Ферузаны имере кучактап бактылуу жылмайып карылуу кучагына кыса бөйтөйүп уктап жаткан наристелерин карап кубанычтуу өпкүлөйт.

- Койчу Насыр, койсоң эми, - деген Феруза назданып ого бетер эркелейт.

- Эй жаным, азыр эркелешип алалы, болбосо бул экөө чоңойсо барбы, экөөбүздү эркин эркелештирбейт, - деп ого бетер кыса кучактап өпкүлөйт.

Ошентип бактылуу жубайлар Акжолтойдун тушоосун кесип, Актилектин жентегин берип чоң той өткөрүштү. Экөө бир бирин сыйлап бири бирин аяп турат. Эми алардын алдында балдарды тарбиялоо максаты турат. Муну алар да түшүнүп эртели кеч уулдарынын бактылуу күлкүсүнө, балдыр тилине тойбой жаратканга ыраазы.

ooo

Ажар менен Сапардын движениеси абдан жакшы болду. Ал турсун тигилер келгенче тамак жасап коюуну ойлоп, казан-табагын даярдап атты Ажар. Алып келгендерин казанга салып кууруй баштаганда негедир Ажардын жүрөгү айланып кускусу келип кетти. "Эмнеге минтип атам, көптөн бери ичпей калганга ушинтип атамбы?" деп ойлоду. Ал Сапарга айтты эле ал:

- Боюңа болуп калса керек? - деди тамашалай.

- Койчу ай, ушул селсаяк жашоодо төрөлгөн бала кайсы күндү көрмөк эле, өз жаныбызды багалбай жатып… - деген Ажар өз ичинен: "Чын эле боюма болуп калып жүрбөсүн?" деп ойлоп алды.

Аңгыча беркилер келип калышты. Көтөрүнгөнү абдан көп. Буткийимдерди таап келишиптир. Өздөрүнүн кийгенине тандап алгандан калганын эптеп арзаныраак сатканга аракет кылып тазалап жатышты.

Бара-бара Ажардын ичи билинип, чындап эле кошбойлуу экени билинди. Эми Сапар экөө кадимки жашоону ойлоп, төрөлгөн наристе үчүн кам көрө баштады. Минтип подвалда же көчөдө жашап бала багалбасын түшүндү. Ажар айылда калган балдарына биротоло көрүнбөй жашырынып күн көрүүнү чечти. Бала жытын эңседи. Ага берки "курбулары" да макул болуп, төрөлө турган наристенин камын чогуу көрмөй болушту.

- Биз селсаякпыз, болгондо да эркин селсаяктарбыз, бирок биз селсаяк жашоого кантип келдик, айткылачы, биз да үйбүлө, бала күткөн аял элек го? - Кымбат буулуга сүйлөдү. - Мен балдарымды сагынып зорго эле жүрөм.

- Мен деле, күйөөм мен соода кылып жүрсөм аял алып алыптыр, угуп алып товарларымдын баарын алып келе жатып акчамды, документимди жоготуп андан кийин товарларымды таможныйдан алдырып голяк калып, ошол бойдон ушинтип калдым. Балдарымды бир көрүүгө зармын, - Сейде ыйлап жиберди.

- Болдучу, эмне эле бышактайсыңар, мына мен болсо эримдин ичкичтигинен, жаныма баткан токмогунан аны өлтүрүп алганымды билбей калганмын, төрт балам ата-энесиз чоңоюп жатат! - Ажар мисирейип аларды карады. - Түрмөдө сегиз жыл жаттым, менин мурда соттолбогонумду, өзүмдү билбей калганымды, бул иш зээн кейигенде ачууга алдырганымды эске алып сегиз жыл беришкен, анан алты жылда сыртка чыгып, эки жыл сыртта болдум…, андан кийин айылга барууну ойлогон да жокмун…

Баары аны карап калышыптыр. Анткени анын киши өлтүрүп түрмөгө олтуруп келгенин эч кимиси уккан эмес.

- Балдарыңа барган жоксуңбу анан? - Сейде аны таңдана карады.

- Балдарыма бардым, бирок аларды кайын атам мени жамандай берип жек көргөзүп салыптыр, менден качып жолобой коюшту, арга жок минтип… - ал ойлуу отуруп калды.

- Жакшы эме-ээс, - деди Кымбат, сен аларды колуңа алып түшүндүрүп айтышың керек болчу да!

- Кайда-ан, - деди Ажар ызалуу, - аларды мага бермек тургай жаныма жолотпой коюшту.

- Жаман болгон экен.

- Ошондо-ой, эми ына муну төрөп алып, бактылуу болуп жашасам өткөнүм унутулат беле?!

- Туура, эң туура, жашоону кайра башташ керек. Кыргыздарга кыйын болду, биздей селсаяктар толо, селсаяктардын катарын азайталы эми, жашообузду оңдоп, ээ туугандар?! - Сейде жанындагыларды карады.

- Эң туура, оңолушубуз керек, иштейли! - аны Камбар кубаттады.

- Эмесе бүгүнкү чогулуш жабык, андан көрө карынды кампайталы да ишке киришели. Чогуу квартира жалдап төрөлчү наристе үчүн кам көрөлү! - деп Ажарды карады Кымбат.

- Рахмат туугандар, рахмат, силердин кең пейилиңерге ыраазымын! - Ажар кубанычтуу жылмайды. Эртеси Ажар менен Сапар ээрчишип күндөгү көнгөн жумушуна жөнөдү эле, аны Сейде токтотту:

- Эй, силер кайда, силер эми мусор аралабагыла, ууру кылбагыла, наристе үчүн да жакшы болот, давай эмгектенели, ак ниет менен иштесек баары жакшы болот.

- Анда макул, чын эле, анда коробка терип чогултпайлыбы ыя, азыр ал да жакшы бизнес экен, ууру кылып көрүнгөндүн товарын аңдыганча!

- Жүрү анда кеттик! - Алар баары ээрчишип базарга жөнөштү. Үч күндө бир топ эле чогултуп коюшту. Аны өткөрүп тамак-аш алып алышты да, дагы жыйнашты. Күчкө толгон алты адамдын күчү да, акылы да биртоп эле, акыры алар жаман жолдон чыгып бул жашоону ойдогудай ак эмгек менен иштеп жашап өтүүнү чечишкенден кийин күндөп-түндөп коробка чогулта беришти. Онбеш күндө чогултканын өткөрүштү эле үч жарым миң болду. Адегенде үстү-баштарын оңдоп алышты да, биртоп оңоло түшүштү. Тынбай эмгек жасаса ак эмгектен үзүр табаарын сезишти да, ошондон баштап кадимкидей жашай башташты. Акырындап Ажардын төрөөр күнү жакындап келатты. Сапар азыркы жашоосун мурунку жашоосуна салыштырып, азыркысы алда канча бактылуу экенин сезет. Анткени дүнүйө бар болсо да азап, жок болсо да азап эмеспи, аялы: "Ай Сапаш, тиги досуң венгер килемин алган тура, а биз качан алабыз ыя, сен болсо мурдуң балта кеспей жүрөсүң, менин болсо алтын шакегим аябай эски, жаңысын алыш керек эле" деп күнү-түнү кулагынын кужурун алчу. Үйү толо импорт дүр-дүнүйөгө толуп турса да улам жаңысын, болгондо да импортун алууга жутуна берчү, ошентип жүрүп… Сапар улутунуп алды. Мына бүгүн-эртең балалуу болгону турушат, аны багыш керек, ата мээримин төгүп тарбиялаш керек: "Алар чоңойду, мени эстешээр бекен, алардын менде арманы деле жок, баарын даярдап бергенмин да"..

ooo

Медет абдан ойлуу болуп баратты. Жаркын экөөнүн турмушу абдан көңүлсүз, салкын болуп өтүп жатты. Төшөктө гана бир бирин аял-эркек катары канааттандырганы болбосо, жаштардай болуп бири бирине күлө карашпаганы Каныш энени чоочутуп койду. Медет жокто ал келинине жан тарта:

- Мынчалык эмне сузсуң айланайын, күйөө дегенди имерип, күлүп-жайнап турбайсыңбы, минтип жашасаңар силер эмес мен тумчугуп баратам!

- Апа… - Жаркын эмне дээрин билбей калды. - Апа, менин мүнөзүм ушундай, ага капа болбоңуз! - деген Жаркын сүйлөп жатып ыйлап жибере жаздады да, энеге сыр алдырбай сыртка чыгып кетти.

- Капырай, жаш деген жаштай эле болбойбу, жаш кезде тим эле… атааңдын гана гөрү-үү, - эне өзүнчө ойлуу олтуруп калды, - жалындаган от болуп табыңа кабылганды күйгүзбөйбү, чиркин!

Жаркын эки чакасын алып сууга барды да, чакага сууну куюп коюп өзү суу боюна отуруп калды. Ушул саамда ал Замирди эстеди, аны менен өткөргөн мүнөттөрүн эстеди. Солуктап ыйлай баштады. Медет менен жашаган үч ай ал үчүн үч жылдай болду. Анын бир тууган жеңесин өзүнүн көзүнчө алып жатканына ушул күнгө чейин ызаланып ого бетер Медетти жек көрүп кетет. Кетип калайын дейт, ата-энесинен коркот, кетпесе минтип жашоо аны тажатып баратат. Ал сууну бакандап алып көтөрүп келе жатып көңүлү айнып, башы тегеренип отура калды. Бул учурда ал үйгө жакындап калган эле. Каныш эне эшиктин алдында жүн тытып отурган. Жаркындын суудан кечиккенинен ал келчү жолду карай койуп анын отурганын көрдү да: "Ботом, бул эмне деген эме эле, же бир оорусу бар же ичинде бир сыр бар?" деп кайра бурула бергенде Жаркын тура калам деп жыгылып кетти. Чаканын шалдыраган дабышын уккан эле артына карап Жаркындын жыгылып калганын көрүп жүгүрүп жетти да:

- Карангүү-үн, карангүн, сага эмне болду?! Ооруп жүрсөң сууга барбай эле койбойсуңбу ыя, же бир сырыңды атпаган неме экенсиң, - деп келинин жөлөп-таяп чакаларга карабай эле үйдү көздөй жөнөдү.

- Апа, мени кечирип коюңузчу, мен ооруган деле жокмун, болгону башым айланып, көңүлүм айнып кетти, өзүм эле… - деген Жаркын боюн түзөп үйгө кирди. Каныш эне чакаларын алып келип Жаркындын жанына отуруп алып:

- Айланайын эмне билгениң бар, айтчы! Мен сени өз бир тууганымдын кызы, камчы салдырбайт, ата-теги жакшы деп алганмын, "ооруну жашырсаң өлүм ашкере" дегендей, ичке каткан сыр өзүңдү гана кыйнайт, же Медет көөнүңө толбой калдыбы, ачык айт?! - деди.

- Жок-жок, апакебай, кыйнабаңызчы! - деген Жаркын жаткан жеринде жаздыкка жүзүн катып алып солуктап ыйлап жатты. Андан сөз чыкпасын түшүнгөн Каныш эне сыртка чыгып өзүнчө бушайман боло ишине киришти.

Ошол күнү Медет өз теңтуштары менен жумушка кеткен эле. Уулунун келатканын көргөн Каныш эне утурлай басты да:

- Садагам атам, каралдым менин, келдиңби айланайын. Жаркындын табы айнып калыптыр, кирип абалын сурачы! - деди.

- Эмнеси ооруп жатыптыр, сизге эле эркелеп жатса керек да.

- Койсоңчу балам, суу көтөрүп келатып жыгылып калыптыр, үйгө алып кирип жаткырып койдум. Кирип алып сурачы?!

- Макул, - Медет үйгө кирип көмкөрөсүнөн жаткан Жаркынды көрүп өзүнчө кыжырдана:

- Ээ Жаркын, кайненеңе эркелеп жатасыңбы, же магабы? - деди кайдыгер үн сала.

- ?…

- Тур эми, кайненең деп жаңылып жатам го, эжең эмеспи, тур эркелей бербей. - Медет Жаркындын жанына барып үстүндөгү жамынган төшөктү ача берип үнсүз туруп калды. Анткени ал уктагандай болуп жаткан. Медет кайра төшөктү жаап коюп сыртка чыкты:

- Сизге эркелеп жаткан го сиңдиңиз, уктап жатат.

- Койсоңчу уктагыдай боло элек, эмеле чыккам мен, - эне шаша үйгө кирди эле Жаркындын буту-колу карышып, өзүн билбей калыптыр. Айылдык фельдшерди чакырып укол сайдырып эсине келгенде гана билди анын ооруп калганын Медет. Бирок үч күндөн кийинки текшерүүдөн Жаркындын боюнда бар экени билинди. Медет буга кубанаарын же өкүнөөрүн билбеди. Ал толгон токой санаанын кучагында калды: "Феруза эмдигиче төрөдү го, эмне төрөдү экен, кызбы же эркекпи?" деп ойлой берип кыйналып бүттү. Бир күнү ал:

- Жаркын, сен экөөбүз жашай албайт окшойбуз, андан көрө сен тынч эле кете бер, өз бактыңды тап! - деди.

- Мен бул жерден өлүп өлүгүм гана чыгат, болбосо эч жакка кетпейм, сенин өлтүрүшүңдү күтүп жатам! - деди көзүнөн жашы куюлуп заарын чачыраткан Жаркын.

- Ушул үйдөн бакыт табаарыңа ишенесиңби? - Медет мыскылдуу жылмайды.

- Ал менин ишим, тозокто жашасам да эч жакка кетпейм!

- Анда мен кетем! - Медет ачуулуу үн катты.

- Кете бер, менин көзүмчө жеңем менен жаткандан чен уялбасаң мен уялып отурам, эми эч нерсе билбегенсип кете бер дегениң эмнең ыя?!

- Болуптур, эгер эркек төрөп берсең, отум менен кирип күлүм менен чыксаң, менин баскан-турганымды тескебей турган болсоң, анда жашай бер!

- Андай жашоонун мага эмне кереги бар, мен да сага окшогон бирөөнүн курмандыгы болгом, алданып калгам, ошон үчүн өмүр бою азап тартууга акым барбы, а сен менин жеңем менен менин көзүмчө жатканың адамгерчиликпи?! - Жаркын ызалуу буулугуп өксүп жиберди. Ушул тушта сыртта атайын тыңшап турган Каныш эне баарын түшүндү. Эрдин тиштеп көзүн жумганда анын айыпсыз көздөрүнөн мончоктогон жаш куюлуп жүзүн жууп берди. - Бул жерден мен жөн кетпейм, өзүмдү өзүм өлтүрүп анан тынам, уктуңбу? - дегенде Медет эч нерсе дебей сыртка чыгып кетти. Аны көргөн эне эчтеке билмексен болуп кирип келе жаткандай:

- Эмне болуп кетти, балам? Бакылдап эле жатканыңан келе жаттым эле… - деди эне.

- Аа-а, жөн эле апа, Жаркынды төркүнүңө барып эс алып кел десем болбой жатат.

- Эмнеге ботом, төркүнүнө жөн эле бара бермек беле, каада-салт деген бар, "жай жарагы менен, кыш коногу менен" дегендей, өз жолу менен алып барабыз да, балам! - деди эне эч нерсе укпагандай.

Каныш эненин сөзүн толугу менен укпай, Медет басып кетти. Жаркындын жанына келген эне анын чачынан сылай, кучактап өөп:

- Айланайын, анын сөзүн көңүлүңө албай эле кой, эркек деген ошенте берет, аял киши эркекти жароокерлиги, мээрмандыгы, акылмандыгы менен жеңет, андан көрө жаркылдап жайнап жүрө бер! - деди да ичинен сыздаганын билгизбей эшикке чыкты. "Олдо-оо курган жаным ай, уулумду да, Жаркынды да кыйнаган экемин, эмдигиче Феруза төрөгөндүр, баламдын бактысына балта чапкан экенмин" - деп ойлонду да: "Капырай, түшүнүн туура чыкканын кара, муну билгенде, кокус бу келин кыз бойдон келсе уулум да көңүлдүү болмок тура!" деген ойго келди. Анан эмеле Жаркындын: "Жеңем менен менин көзүмчө жатканың адамгерчиликпи?" дегени кулагына жаңырып: "Капырай, менин уулум ушундай карөзгөйлүккө кантип барды?" деп телмирип, эмне кылаарын билбей олтуруп калды. "Минтип отурса көпкө жашай алышпайт, бири бирине супсак болсо кантип жашай алат?" Жүрөгү түпөйүл болуп, кыйналчу болду, аңдыганы эле уул-келини, урушуп кетишеби деп саксактап турат. Анан дагы: "Мен өлүп кетпесем тирүү кетпейм, өзүмдү өзүм өлтүрүп тынам!" дегени кулагына жаңыра бергенинен эки жакка жылбай, Жаркын карыш жылса эле карап кайтара берет.

Бири бирине койондой окшош күндөр биринин артынан бири чубашып өтүп, Жаркындын төрөөрүнө аз калды. Медет ага боору оорудубу, же төрөлчү наристе өзүнүн канынан экенин тана албадыбы, айтор Жаркынга мурдагыдан имерилип, оор иш жасап жатса колунан ала койчу болду. Муну байкап калган кыраакы эне ичинен кымыңдап кубанып алат. Анын тилегени эле уул-келини ынтымактуу болуп жашап кетсе деген ой.

Жаркын кыз төрөдү, төрөгөндө оң жак маңдай чачы аппак жылтылдаган өскүлөң чачы бар кыз экен. Каныш эне көп жашаганы менен мындайды көрбөгөн. Эл көзүнө көргөзбөй багып жатты. Көздөрү эмитен эле Медеттин көзүнө окшоп турат. Медет баягыдан кызына анын арты менен Жаркынга имериле баштаган эле. Чынында алар алдыда дагы кандай машакаттуу күндөр турганын билишкен жок. Келинине боор ооруган эне наристени түнү өзү алып жатат, жашы жетимиштен ашканда небере көрүп кубанганын айтпа. Өзү эле багайын дейт, күндүзү көтөргөнгө жарабай баратат. Билинбеген карылык чидерлеп алганына моюн суна аргасыз ушуга каниет кылып алат эне. Ооба, бир кездеги уулун издеп базарда ачка калып, талаада түнөгөнүчү?! Аны кантип унутсун эне.

ooo

Феруза абдан акылдуу аял болду. Насыр экөө бири бирин ызааттап турганга коңшу-колоңу аларга абдан суктанып турушат. Уулдары күндөн күнгө чоңоюп жатышты. Ата-энеси Ферузанын удаа-удаа эркек төрөп алганына кубанып, көңүлдөрү тынып калды. Акжолтойду болсо Насыр өзүнө каттатып алды. Уулу бешке чыгып, сүннөт той беришти. Алардын колунда бар эле. Бирок колунда бардыгына чиренишпейт. Сураганга берип турушат. Кыскасы эл оозуна алынган бактылуу да, үлгүлүү да үйбүлөдөн болду. Бирок тагдыр деген табышмактуу нерсе алардын да ортосуна ала көлөкө салаарын сезишпей бейкут жашоодо.

Марат алардыкына кээде келип-кетип жүрчү, ал Насырдын кыйыр туугандарынын баласы. Ферузага жеңелеп эле тийишип калганда ал ага көңүл бурбай өз иши менен алек болчу. Бир күнү ал Насыр жумушта экенде үйгө кирип келди да, Ферузага жалынып-жалбарып кирди:

- Жеңе, мен сизди көргөндөн эле ашык болуп, ушул убакка чейин азап тартып жүрөм. Ишен, жеңе, мен сизди сүйөм! - деп кучактай баштаганда Феруза кыйкырып жиберди:

- Чык эшикке, сен мени ким деп ойлоп жатасың ыя?! Насыр келсе мууздап салат, чык дейм эшикке!

- Жок, жеңе, эч жакка кетпейм, сизден жакшы жооп укпай кетпеймин!

- Эмне-е, мен сага жооп берет бекенмин, ай мончоктой уулдарым, койнумда эрим туруп сага эмне дейин ыя?!

- Кетпейм дедим кетпейм, мен сизди сүйөм, же болбосо акем жокто мени менен болуп турасың, антпесеңиз кетпейм!

- Сыйың менен чыкпасаң милицияга билдирем азыр.

- Сен ошондой эле кыйынсыңбы! - деген Марат Ферузанын колунан кайрый төргө жыгып, эми көйнөгүн түрө баштаганда коңшусу кирип келди. Аны көргөн Марат унчукпай чыгып кетти. Феруза болсо ыйлап алган.

Феруза Насыр келгенде айтты эле, ал ишенбеди: "Кантип эле, "кунаажын көзүн сүзбөй бука мурдун үзбөйт" дегендей, өзүңдө да бардыр" деп маанайы чөгүп анын айтканына ишенбей ичинен арам ой ойлоп калды: "Эмне эле тез-тез келип калды дейм да, эгер коңшу көрүп койбосо мага айтмак эмес" деп ичтен ирип, Ферузаны жек көрүп кетти саамга. Дагы бир ою: "Чын эле эркек неме асылса асылгандыр, экинчи үйгө келгис кылайын" деп ойлоп, анан: "Ферузанын жүрөгүн оорутуп койдумбу, кой, ага менин нааразы болор акым жок!" деп кайра түйшөлүп:

- Ошол курусун, ушунча кыз-келинден сени тааптырбы, уяты жокту эми жолотпойм, - деп Ферузанын көңүлүн көтөрүүгө аракеттенип жатты. Канткен менен оозунан чыккан сөз анын көңүлүнөн кетпей туруп алды. Насыр Мараттын үйүнө барып, тууганына арызданып, экинчи баласын жибербесин суранды:

- Укчу тууган, мына өзүң көрүп отурасың, карынын жашы болуп элүүгө чыкканда балалуу болуп отурам. Маратты мен бир тууганым деп жүрсөм… - дегенде Мараттын атасы:

- Насыр, эгер менин балам чектен чыгып баратса тыйып коюш оңой, бирок аялды тыйыш кыйын, аялың өзү ымдашып коюп жүрбөсүн! - деди Насырды мыскылдай карап жылмая. Ошондо Насырдын күйбөгөн жери күл болуп кетти:

- Арбакка койдум, балаңды тыйгандын ордуна мени табалаганыңды кудайга тапшырдым! - деп этегин кагына ордунан туруп кетти. Үйүнө келгенден кийин өзүн койоорго жер таппай, кыжаалат болуп күндөгү эки уулун эркелетип чексиз бакытка бөлөнгөн Насыр ары бери басып кыйнала берди. Анын абалын түшүнүп ичинен тынган Феруза Маратты каргап жатты: "ылайым үйлөнсөң үйбүлөңдө тынчтык болбой, турмушуңдан бактысыз болуп өт, эч жакшылык көрбө!" деп сыздап кечээги ынтымактуу кужурашып бактылуу жашап жаткан жашоосуна бүлүк салган Маратты жек көрүп жатты. Бирок Феруза күйөөсүнө актанган жок: "Не кылам актанып, түшүнсө түшүнсүн, түшүнбөсө өз убалы өзүнө" деп ага да кекенип алат. Анткени анын да: "Кунаажын көзүн сүзбөсө бука мурдун үзбөйт" дегени катуу тийди: "эмнеге мага ишенбейт?" деп ал дагы өзүнчө санаада. Кичүү уулу да тамтаңдап "аталап" ээрчип калганда Феруза дагы боюнда бар экенин билди. Бирок ал Насырга айткысы келбеди. Ортодо салкын мамиле болуп, баягыдай үйдө маңдай жарыла күлүп бири бирин кубаттоо жок, Насырдын үйгө кирип-чыкканы эле болбосо, нес болгон эмедей суз. Уулдарын алып өөп койгону болбосо, анча эзилбейт. Феруза да аны өз жайына койду: "Канчага чейин ушинтип жашаар экенбиз, мүмкүн очогубуз бузулаар, эмнеси болсо да тагдырдын жазганын көрөөрмүн" деп мисирейет. Ошентип арадан үч ай өтүп, Насыр бир күнү башым деп жатып калды. Эки күн жатып, үчүнчү күнү Насыр бул дүйнө менен коштошуп кете берди. Кан басымы көтөрүлүп, мээге кан куюлуп кетиптир, көп ойлонгондуку дешти врачтар. Кырк тогузунда жаңыдан баланын жытын жыттап, балдыр тилине моокуму канбай бул дүйнөдөн өттү. "Эми бактымды таптым, кеч болсо да ушуга шүгүр" деп бактылуу болуп жүргөн Ферузаны Насырдын өлүмү катуу кайгыга салды. Эки кичинекей уулун кучактап дагы бир белгисиз наристеси бар экенин далилдегендей "бүлк" эттирген курсагын ойлуу сылап койду. "Мен эми ушулар үчүн жашашым керек!" деп ойлоп алды. Ферузага ата-энеси, бир туугандары бат-бат келип каралашып турат. Бирок алардын орду башка эмеспи. Насырдын жылуу койну, кубаттуу кучагы, эркелеткен шыбыры анын жүрөгүн оорутуп, шыңгыр эткен күмүш күлкүсүнөн, жаркылдаган жароокер мүнөзүнөн айрылткан таш боор өлүмгө наалат айтат. Ансыз деле жалгыздыктын азабын тартып эми гана бактымды таптым, тилегиме жеттим деп жүрбөдү беле?!

Ал мал-жанын карап кирип эки уулун кучактай буркурап ийди: "Мунун баарына Мурат күнөөлүү, кокус бир колума түшсө сөзсүз өлтүрөм!" деген ойго келип турду азыр.

"Өлгөндүн өзүнүн шору, турпак суутат" деген элдин жакшы макалы туура белем, Феруза белин бекем бууп өз оокатын өткөрө берди. Анын чыйралып, кайраттуу жүргөнүнө ата-энеси кубанып алат. Насырдын бардык ызаат-сыйын жасап, жети жашар Акжолтою менен Актилегин эш тутуп ошолорду тарбиялоону ойлойт. Бара-бара убакыт өтүп, анын төрөр күнү келгенде ал үйдөн төрөйм деп төрөт үйүнө барбай койду. Энеси канчалык "врачка бар, төрөт үйүнө төрөгөнүң жакшы" десе да болбоду. Ал кыйналып жатып кыз төрөдү, бирок Феруза чакырткан врач келгенде да төрөт үйүнө баруудан баш тартты. Укол сайып, керектүү дарыларын берген гинеколог кеткенден кийин Феруза жаткан бойдон кайра көзүн ачпады. Энеси карып калган эме, "жаны жай алып, уктап калды, эс алсын" деп тим койду. Бир топтон кийин келген врач аны көрүп чоочуп кетти, анын денеси муздап калган эле…

Ошентип үч бирдей наристени жетим калтырып, экөө биринин артынан бири кете беришти. Боздогон эне үчөөнү алып үйүнө кетти. Али көзүн ачпай жатып ата-энесинен ажыраган ымыркайды жээриген атасы менен энеси аны жаман көрүп атышты. Ууз сүт эмбей эне жытын искебей калган наристе абдан тетик, абдан тың. Көп ыйлабайт. Упчуну соруп коюп жата берет. Анан калса Ферузага куюп койгондой окшоштугун айт.

ooo

Турмуш дегенди ким кандай түшүнөт, тагдырдын жазганына көнбөгөн пенде барбы?

Медет менен Жаркын да ортолорундагы данакер болгон ымыркай кыздын арты менен бара-бара бир бирине көнүп баратты. Кээде Медет: "Бекер кылган экемин, минтип жашап кетээримди билгенде жеңесине тийбей эле койбой" деп өзүнчө ойлонуп уялып калчу болду. Жаркын да ашыкча сүйлөбөйт, бирок билинбеген бир ыйык нерсе аларды жакындатып бараткансыйт. Каныш эне небересинин атын Алтынчач койду. Анан калса ырас эле ошол ыйык чачы жылтылдап турат. Анын ыйык экенин билген эне ырым-жырымын жасап мазарга барып мал энчилеп койду. Кызы күндөн күнгө көзгө көрүнүп көзүн ачып күлө баштаганда Медет абдан жакшы көрүп колунан түшүрбөйт. Жаркын да бара-бара өткөндү көп эстебей тагдырына баш ийип Медет менен тил табышып жашап кетүүгө аракеттенип калды. Убакыт бат эле өтүп жыл айланганда Жаркын дагы кош бойлуу болуп калганын айтты эле Медет:

- Жаркын, менин жүрөгүмдү өйүгөн бир нерсе - мени кечирип койчу, минтип жашап калаарыбызды билгенде… - деп Жаркынды чын пейили менен кучактап кечирим сурады.

- Кечиргенде, кечирбегенде не, баары өттү-кетти, бирок такты канчалык кетирем десең да кетпейт, көп жуусаң мата жыртылат эмеспи! - деп ойлуу жооп берди Жаркын.

- Ошентсе да… - Медет анын жүйөөлүү сөзүнө эмне дээрин билбей кызын көтөрүп алаксый кетти.

Каныш эне келин-уулунун мурдагыдай болбой мамыр-жумур болуп жашап баратканына кубанып калчу болду. Негедир энени карылык жеңип, бара-бара төшөккө көп жатчу болду. Эртели кеч келин-уулуна:

- Балдарым, мен карыдым, мен түбөлүк жашамак белем, бул дүйнөдөн өтөөр мезгил жакындап калды. Сексен жаш оңойбу, балдарым. Эми менин сөзүмдү уккула, мындан ары ынтымактуу болгула, өрүшүңөр жайык, өмүрүңөр узун болуп, кө-өп балалуу болуп, ырыс-кешиктүү бактылуу үйбүлөдөн болгула! - деп адегенде акбатасын берип, анан: - мынабу кызды эл көзүнөн этиет кылгыла, ушул кыздын чачы ыйык, башка чаппай чоңойткула, - деп айта берчү болду. Кири-чыгып мал-келди өзү караган эне ага жарабай калды. Эшикке зорго кирип-чыгат. Аттиң дүйнө, өмүрдөн өтөөр кез жашка да, карыга да бирдей өкүнүчтүү белем, адам баласы дүйнөгө түбөлүк жашаса да өмүргө тойбосо керек го?! Эртели-кеч тизесин кучактап отурган Каныш эне үчүн жашоо эң эле кызыктай сезилет, ал бүгүн же эртең бир жакка көччүдөй өзүнчө даярданган менен жарыкчылыкты кыйбай, оор улутунуп алат: "Чиркин өмүр, өтөсүң ээ бир күнү менден да бир пендеге - дейт анын ою. - "Бирөө төрөлсө бирөө өлөт" деген сөз чын болду бекен? Ботом, элирип турчу секелек кезим түшүмөн кетпейт да, баягы эле жайлоодо ата-энемдер менен бирге жүрүптүрмүн" деп өзүнчө кобуранат. Жаркын энеге чаң жугузбай күн сайын жуунтуп, кийимин которуп, аштын алдын берип карап турат. Ан сайын эне алкай берет. Баягыдай небересин да алып отура албай калды.

Медет бир күнү райондун борборуна барып кеч кайтканы машина чыкпай аялдамада турган. Анын жанына кайдан-жайдандыр Замир пайда болду да:

- Ии жигит, кайда бармак элең? - деп сурап калды.

- Бөкөнбаевага.

- Аа-а жакшы, мен аякка барбайм, болбосо ала кетет элем, - деп эки чөнтөгүнө колун салып бираз турду да: - Атың ким? - деп сурады.

- Медет, - Медет эч нерсе оюнда жок эле жооп берди.

- Ии тиги Жаркындын күйөөсү болосуңбу?

- Ооба, аны кайдан билесиз?

- Эмнеге билбейм, каалаган жагына алып барып жүрүп.

- Эмне, эмне?

- Өзүм таксист болсом далай кыздарды салгам да! - деп Медетти мыскылдай күлгөндө жаны кашайган ал аны алка-жакадан алганда анын көзү чакчайып кетти:

- Ой-ой жигит, тамашалап койдум!

- Тамашаңды түшүндүм, эн-неңди! - деген Медет аны койо берип басып кетип баратканда Замир:

- Анын абийирин жеңеси жапканын да уккам! - деп машинасын айдай кетти эле, Медет колуна жерден таш ала коюп уруп калды. Машинанын арткы айнеги быркыраганына карабай, Замир зуу койду. Медеттин ачуусу ушунчалык келип, эмне кылаарын билбей турганда автобус келип үйүнө жөнөдү.

Ачуусу келип, Жаркынга жетсе эле ага бирди көрсөтүүнү ойлоп келаткан Медет үйүнүн жанындагы топтолгон элди көрүп үрөйү учуп кетти. Көрсө Каныш эне өтүп кеткен экен. Ачуусу келип келген Медет Жаркын өзү жокто энесин атайы өлтүрүп койгондой ага бир тийди:

- Эртең менен жакшына эле эмес беле?!

- Сен кеткенден кийин "эшикке чыгарчы, Медет кайда?" деп сурады, мен сени келип калат десем: "Алда-а каралдым аа-ай, бүгүн барбай эле койсо болмок экен, көңүлү чөгүп келет го, силерге дагы бир тоскоолдук бар, балам, ошондон өтүп кетсеңер бактылуу жашайсыңар, бир бириңди көтөрө албасаңар… билбейм, - деди.

- Анан?

- Анан мен эшикке сөрүгө алып чыктым. Тиги Момунду чакырчы деди. Чакырдым, анан эле… - Жаркын ыйлап жиберди.

Ошентип туталанган Медет кайгылуу, энесин өз колу менен узата албаганга кейип: "Бүгүн чыкпай эле койсом болмок экен, тигиге да жолукпайт элем, баса жеңеси кимге айтты, тигил кайдан укту?" деп чаржайыт ойлордон башы тумандап атты.

Каныш энени жайына коюп, ырым-жырымы жасалгандан кийин кызы менен үчөө гана калды. Медет Жаркынга эч нерсе дебеди. Анткени ачуусу тарап: "Айтканда-айтпаганда не, баары белгилүү болчу да, башкысы жеңеси менен жатканымды ким кимге айтты, жеңесинин оозу ачык болсо керек, эмне аны мактаныч кылып айттыбы же кайынсиңдисин жаманатты кылганыбы?" деп санаага батты. Жаркын анын ойлуу болуп жүргөнүн көрүп: "апасына кайгырып жүрөт, жинине тийип сурабай эле койойун" деп, чай же тамак ичкенге гана чакырбаса, эч үндөбөйт. Ошентип жашоо-тиричилик өтө берди. Бир күнү алардын үйүнө Жаркындын курбусу Аззам келди. Ал баягыда Жаркындын кыз эмес экенин укканда шылтоо таап калып калган болчу. Кийин Жаркындын жеңеси Гүлбү жолукканда экөө сырдашып калып, ошондо ал баарын айтып берген. Аззам болсо Замирге жолугуп калганда анын баарын төкпөй-чачпай айтып:

- Уятыңыз жок тура, бирөөнүн убалына калып, өзүңүздү гана ойлогон, эмне үчүн аны алдадыңыз? - деп ал турсун ыйлап, аны карай жерге түкүрүп туруп басып кеткен.

Аззамдын келгенине Жаркын абдан сүйүндү. Медет да жакшы кабыл алып, бажактап сүйлөшүп отурушту. Аззам ак жуумалынан келген, көздөрү татынакай, кичи пейил, адамгерчиликтүү кыз эле. Арачолодо Жаркын экөө жалгыз калганда сырдашып калып жатты. Аззам өзүнүн Замирге жолугуп айткандарын айтты эле, Жаркын:

- Эмне деди? - деп Аззамды суроолуу карады.

- Эмне десин, унчукпайт, - деди Аззам. Бирок ал Гүлбү менен жолугушканын айткан жок. Курбусунун жанына бир түнөп, кызын эркелетип аябай жакшы маанайда конок болду да, эртеси жөнөп кетти. Медет мында да Замирден укканын Жаркынга айтпады. "Аны менен өзүм эсептешип алам" деп ойлоду. Анын ойлуу болуп көп сүйлөбөй тиричилик менен гана алпурушуп, үйгө киргенде кызы менен алек болгонун көрүп, Жаркын да андан эч нерсе сурабады. "Апасын ойлоп жаткан го" деп аны аяп, өз иши менен жүрө берди.

Медет бираз отура калса эле өткөн өмүрүн, селсаяк болуп талаада жашап жүргөн күндөрүн көп эстөөсү болду. Анан да аны ошол чөйрөдөн сууруп чыккан Ферузаны эстеп, анын төрөгөнү уул же кыз экенин биле албай кыжаалат боло берчү…

…Бир күнү Медет чоочуп ойгонсо эле остановканын отургучунда жатыптыр. Аялдамадагы эл аны көрүп оорусу жуга тургансып арыта жийиркене карап коюшат. Эч нерсе билбей мас болуп уктап калган Медет ордунан туруп суу таппай туалетке барды эле, аерден аны туалетте отурган аял кууп чыкты:

- Өлүгүңдү көрөйүн селпейген алкаш, бомж, жогол бул жерден, чык дебатам! - деп түрткүлөп кирди.

- Эже, эжеке, суу, суу эле ичип алайынчы, уруксат берип койчу, эжеке?! - дегенине карабай түртүп чыгарып койду. Оозу кургап, ичи ысып турган Медет кайрадан самогон саткан аялга барып:

- Эже, бир эле жолу ишенип койчу, өлүп баратам, жок дегенде элүү грамм куйуп койчу? - деп жалдырап жатты.

- Куураган алкаш, мен үчүн алкаш болгонсуп ушулардыкы өттү, бербеген оюңа коюшпайт, ме, атаңдын каны болсо ич, анан төлөй албай калсаң көрөсүң! - деген аял колунда көтөрүп жүргөн баклашкадан самогон куюп узатты. Аны жанталашып ичип жиберип эс ала түштү да, решеткага жөлөнүп туруп калды. Ал оюнда: "Кантип акча таап, жок дегенде карынды кампайтсам экен?" деп ойлоп жатып кубанып кетти. Анткени ал өткөндө ысык суу кеткен трубалардын үстүнөн жайылган жынсы шым менен кыздардын сумкасын таап алган эле. Кереги тийеби деп катып койгон. Эми ошол эсине келгенде сүйүнүп кетти. Медеттин чынында иштейин деген ою жок. Ансыз да темир терип жүрүп тажады. Жынсы демекчи, темир жолдун жээгинде ысык суу кеткен суу түтүктөрүнүн алдында кыздар менен кошо балдар кечкисин түнөп, эртең менен таранып, кийинип кетип калышчу. Алар кайда барат, эмнеге бул жерге түнөйт, башы жетчү эмес. Кийген кийимдери таптаза, татынакай кыздар тээ түн бир оокумда келип бака-шака болуп, анан жатып калышчу. Ал турсун алар кийимин которунганда чечкен кийими кала берчү. Көрсө алар чөнтөк уурулары экен. Кийинчерээк Медет алардын ордунан жаңы-жаңы кошелок, сумка, паспорт таап алчу. Сумкаларды, кошелокторду арзан сатып жан багып жүрдү. Алар орун которуп кеткенден кийин кайрадан нан табуу кыйын болду. Ошентип ал бүгүн жынсы шым менен сумканы алып келди эле, самогон саткан аял дароо алып сумкасына салды да:

- Карызыңдан кутуласың, анан дагы эки жүз грамм самогон берем, - деди. Медет кыйылып туруп макул болду.

- Макул, эже, анан кыйналып турганда берип турсаңыз.

- Болуптур эми, ары турчу ай, сасыбай, - деп ары бурулуп кетти.

Ошол аллеяда орган кызматкерлери менен иштешкен кыз бар эле. Ал дайым ичип алып ары өткөн, бери өткөн элди карап туруп байкайт да, бирдеме чыга турганынын жанынан атайы урунуп өтүп кетет. Ал ага: "Эмнеге көзүңдү карабайсың!" десе эле болду, бери жакта карап турган милицияларга таянган кыз тигини жакадан алып кыйкырып-өкүрө баштайт. Заматта жетип келген милициялар ал жигитти ээрчитип опорныйга алып барат да, штраф салып, чөнтөгүн тазалап койо берет. Ошентип жүрүп ал кыз дагы аракечке айланды. Бул жолу Медеттин кол сумкасын ошол сатып алды. Сумка жаштардын акыркы модасы болгон жапжаңы сумка болчу.

- Онбеш сомго бер! - деди ал.

- Кантип, жок дегенде жыйырмага ал, - Медет аны жалдырай карады.

- Берсең онбеш сомго алам, болбосо убара болбо.

- Макул эми, келе!…

- Медет! - деген үндөн улам оюнан адашып тура калды.

- Эмне болду?

- Чык эшикке! - Медет Жаркындын үнүнөн улам сыртка чыга калса кайнатасы келаткан экен. Алдынан утурлап тосуп алды. Кыз-күйөөсүнө учурашканы келген Доорон аттан түшүп үйгө кирди. Ата-апа деп талпынып калган Алтынчачты алдына алып эркелетип көпкө отурду. Ал үйдө отурганда Медет менен Жаркын тамак даярдап аны коноктошту. Доорон кыз-күйөөнүн жакшы жашап жатканына көзү жетип ыраазы боло үйүнө кайтты.

Суудай жылжып өтүп жаткан күндөр, билинбей эле арадан он жыл өтүп кетти. Жаркын Алтынчачтан кийин дагы үчтү төрөдү. Эки кыз, эки уулдуу болушту. Өткөн күндөр өзүнүн каратагын бара-бара жууп, Медет менен Жаркын бактылуу жубайлардан болуп бири бирине кеңешмейин иш кылышпайт. Көңүлдөгү кир кетпегени менен өткөн ишти экөө тең козгобойт. Болгону Гүлбү көп каттабайт. Келсе да күндүзү күйөөсү менен келип бат эле кетип калышат. Аны көргөндө Медет такыр баш көтөрбөйт. Кайнагасы муну өзүн сыйлагандык деп баалайт. Убакыттын озушу менен бирге жылдан жылга үйбүлөнүн кадырын сактап, уул-кыздардын келечегине кам көрүү милдети турганын сезишип ортодо ысык мамиле менен балдардын өздөрүнө данакер экенине ичтеринен купуя улутунуп алышат.

ooo

Ферузанын кара ашын беришкенден кийин алардын үйү аңгырап ээн калды. Кечээги эле бака-шака түшүп балдардын күлкүсү угулуп, мөмө-жемиштердин түбүндөгү чарпаяда бактылуу, ушул жашоосуна ыраазы боло тээ өткөн күндөрүнө көз жүгүртүп өз кыялдары менен алпурушкан эки жубайдын орду томсоруп, сөрүнүн үстү жалбырактар менен чаң сасып калган. Короо тыптынч мисирейет. Үйлөрдүн кулпулап бирин-экин дүнүйөлөрү менен мал-жандыктарын көчүрүп кетишкен. Ферузанын атасы карылыгыбы же кызынын күйүтүнөнбү, айтор жакшынакай жүрүп эле бир күнү жаткан бойдон турбай калды. Ошентип алтымыштан ашканда жесир калган эне чалынын күйүтү менен кызынын күйүтүн тартып үч бирдей жетимди маңдайынан сылап: "Ушуларды эптеп тууруна кондура алаар бекемин, келиндин колунда калса кордук көрүп калат го?" деп ичинен сызып алат. Жамал абдан тилдүү. Чынында ага ишенүү кыйын эле. Акжолтой онго чыкканда таенеси да жетимишке чыгып оорубай эле каза болуп калды. Ошентип үч жетимдин тагдыры Жамалдын колунда калды.

Жамал күйөөсүн сүйлөтчү эмес. Өзүнүн Акжолтойдон улуу баласы бар болчу. Аны жумшабай эле эртең менен эрте тургузуп окуусуна жибербей сууга жөнөтүп, суудан келгенден кийин малды короодон чыгарып алдына салып берип койчу. Анын карды менен иши да болчу эмес. Күйөөсү Адыл ага тили өтпөсүн билип кээде кой артында жүргөн Акжолтойго эптеп айран менен нан жеткирип берчү, эгер Жамал үйдө болсо андан алып чыгуу өтө кыйын эле. Ошентип Акжолтой окуудан жок же бир жылмайып мээрим төкчү ата-энеден жок - кой артына түштү. Үйгө келсе да жаны тынбайт. Бир күнү күзгү бозкыроодо талаадан тууган койдун козусу өлүп калды. Кечинде короого койду айдап, козуну көтөрүп келген Акжолтойду көргөн Жамал ажылдап колунан козуну жулуп алды да, кулагынан чоюп, баштан ары чаап-чаап жиберди.

- Өлүгүңдү көрөйүн өлүксүз десе, ушундайыңдан эртелеп ата-энеңди жутуп алгансың да, өлүп кетсең да койлордун артында болбойсуңбу ыя, бир козучалык бааң болсо экен, ошол өлгөнчө сен өлбөйт белең! - дегенде күйөөсү арытан кыйкырды:

- Болбодубу эми, Жамал, өлгүсү келсе үйдөн деле өлөт эле да ал козу, эмне эле ажылдап атасың? - дегенде Жамал андан бетер ажылдап кирди:

- Ийи, бооруң ооруп кеттиби жетимге, ушул ш-шүмшүк жетимди көргүм да келбейт, жогот андан көрө!

- Жоготпойм-этпейм, бир тууганымдын арбагы үчүн аны мен багып эресеге жеткиришим керек!

- Бир тууганыңдын арам сийдик баласын баккандан бери эмне жакшылык таптың, бул шүмшүк тиги Насырды да жеди, андан келип сенин ата-энеңди… каражолтойду жоготпосом элеби!

- Жоголсок экөөбүз тең жоголобуз, муну жоготом десең менден да айрыласың.

- Азыр жоголгула, тегеле мени коркутуп калганын кара, - деген бойдон Жамал үйүнө кирип кетти. Акжолтойдун ыйлап турганын көргөн таекеси анын жанына басып барды да кучактап ыйлап жиберди. Акжолтой бала болсо да анын ички дүйнөсү дүрбөлөңгө түшүп: "Мен сөзсүз качып кетем, инилеримди чоңойсом өзүм алып алам" деп ойлоп, бул жерден биротоло кетүүнү ойлоп жатты. Бирок ал кантип, кайда баруунун амалын таппай, жатып алып чабалактап жатты. Акыры анын да айласы табылды. Ошол күнү алардын үйүнө Жамалдын бир тууган акеси келди. Ал шаарда турчу. Жамал болсо жан-алы калбай аны коноктоп кой союп, кымыз, май, сүзмө кылып машинасына салып берди, жөнөөр алдында ал карындашы менен күйөө баласына учурашып бираз туруп калды. Дал ошол тушта Акжолтой анын машинасынын багажына түшүп жатып алды. Ошентип шаарга келгенден кийин Бишкекти билбеген он жашар Акжолтой машина токтогон жерден багажды акырын ачты эле светтер жайнаган чоң базардын жанында экен. Эки жакты карап туруп, багаждан түштү да эч кимге байкатпай базар жакка басты. Көрсө ал Кызыл Аскерге келген экен. Ал базарга келип ар кандай тамак-аштарды, жер-жемиштерди көрүп шилекейин кылк жутуп алды да, аралап бир азга ары-бери басты да, чет жакта отурган жоон-жолпусунан келген аялдын жанына басып барып:

- Эне, мен жетиммин, айылдан качып келдим, өгөй тайжеңем сабаганынан качып… - деп ыйлап жиберди.

Тигил аял:

- Ой өлүгүңдү көрөйүн өлүмүш болгон, качып келсең эмне кылайын, сага окшогондун токсон тогузу келет кечке, сен эмес өз балдарымды зорго багып жатам, жогол нары! - деп түртүп жиберди. Акжолтой ыйлап андан ары бара берди да, чыдабай калчылдап кирди: "Качпай эле койбой, урса деле жүрө бербей, чоңойсом коркпой калат элем да" деп барат. Бир кезде бир бакка туш келди. Бул Фучик паркы эле. Акжолтой эптеп бакка жетип бир дубалдын түбүнө жата кетти. Ал жер ылымта экен, ачка экенине, үшүгөнүнө карабай уктап кеткен экен, бир дабыштан ойгонуп кетти эле, жарык болуп калыптыр. Чыйрыгып, эти ысып, өзүнчө калтырай баштады. Ордунан туруп эле башы оогон жакка кете берди. Акыры кыжылдаган элдин ичине кирди. Ал Ош базарына келген. Акжолтой эптеп эле иштегиси келип турду. Өзүндөй балдардын лимонад көтөрүп жүргөнүн көргөндө ал да ошенткиси келди. Бир кезде Акжолтой лимонад көтөрүп бараткан баланы токтотуп:

- Эй дос, мен дагы лимонад сатайын, мага жардам берчи?! - деди.

- А сенин акчаң барбы? - Тигил андан сурап калды.

- Кайдагы, менин акчам жок да.

- Анда кантип иштейсиң, акчаң болбосо таанышың же…

- Айтчы деги, эмне керек?

- Эң башкысы, сенин таанышың болуш керек.

- Анда сен жардам бербейсиңби, менин кардым да аябай ачты, эки күндөн бери эч нерсе жей элекмин, - Акжолтой ыйламсырап жиберди.

- Токто, ойлоноюн… А сенин жатаканаң барбы?

- Жок, мен түндө эле келдим.

- Анда жүрү, экөөбүз сатып, анан пайдасын бөлүп алабыз. Ме, сен бул экөөнү ал да, мени менен кошо бас, - деди Адилет ага эки бөтөлкө лимонад берип.

- Канчадан сатам? - Акжолтой Адилетти суроолуу карады.

- Алты сомдон.

Ошентип Акжолтой Адилеттин артынан лимонад көтөрүп кыдырып жүрүп ары-бери түртүшүп өтүп жаткан элдин арасынан өтүп баратып колундагыны түшүрүп сындырып алды да, алаңдай карап Адилеттен коркуп ыйлап жиберди. Анын ыйлаганын көргөн Адилет:

- Эчтеке эмес, мурда эмне сатчу элең? - деди.

- Эчтеке, мен сатканды билбейм, үйрөнөм го дегем, эми муну кантип төлөп берем сага?! - деген Акжолтой жерде быркыранып жаткан бөтөлкөнүн сыныктарын карады.

- Жөн гой, ыйлаба, мен сага дагы берем, анан сатканды дагы үйрөтөм, з деп Адилет Акжолтойду сооротту. Экөө ошол күнү ээрчишип жүрүп бир топ эле соода жасашты. Акжолтой жөн гана жардамдашып жүрдү. Кеч киргенде Адилет аны үйүнө ээрчитип барды. Алар квартирада турчу. Атасы жок эле. Үч бир тууган. Эң кичүүсү Адилет. Аны Бурулча жакшы эле кабыл алды. Бирок үч баласын зорго багып жаткан жалгыз бой аял ага анча маани бербеди. Бүгүн келсе эртең кете турган сыяктуу көңүл да бурбады. Эгер колуна алып төртүнчү бала кылып алса ага Адилет кубанмак. Акжолтойго да жакшы болмок. Жатаарда Адилетти эшикке чакырып чыгып:

- Бул кайдагы досуң? - деди эле, Адилет ага чыныгы боору ооруганын апасына билдире:

- Апа, ал томолок жетим экен, биз менен кошо жашай бербейби, үйү да жок… - деп жалдырай карады.

- Кой балам, мен силерди зорго багып жатам, аны кантип багабыз? Бүгүн түнөсө түнөсүн, эртең алып келбе, уктуңбу?

- Макул, - Адилет башын жерге салып үйгө кирди.

Эртеси Акжолтойду базарга ээрчитип барып колуна өзү катып жүргөн жыйырма сомун берди да:

- Муну ал да, бирдеме алып сат, мени менен соода кыл, бирок кечинде жатакана таап ал, апам сени ээрчитип келбе деди, - деп жер карады.

- Кайдан табам, мен шаарды билбейм да?

- Иштеп акча тапсаң жатакана табылат.

- Анда мен сени менен жүрүп соода жасайм, үйрөнөм, а сен менин акчамды санап берип тур, мен акча санаганды билбейм да.

- Окуган белең?

- Биринчи класска баргам анан… - Акжолтой ыйламсырап андан ары сүйлөй албай туруп калды.

Экөө ээрчишип алып лимонад сатып жүрүштү, бирок күн сууктап баратканга суусундук анча өтпөй жатты. Кечинде Акжолтой Адилеттен бөлүнгүсү келбей:

- Мен кантип жатакана табам? - деди.

- Сен билесиңби, бир бала дайыма дандырдын ичине түнөөчү, жүр мен сени ысык дандырдын жанына жеткирип койом, ал муздаганда ичине кирип жатып аласың, а мен сени эртең менен ошол жерден табам, - деди да, анын жообун күтпөй эле алдыга басканда Акжолтой анын артынан бара берди. - Сен мага капа болбо, дос, биз дагы квартирада турабыз, анан да тар… - деди Адилет.

Экөө ээрчишип баратып Ош базарынын түштүк тарабындагы бурчта турган дандырдын жанына келишти. Акжолтой анын айланасын тегерете карап абдан таң калды:

- Кантип, бул жерге кантип түнөйм?

- Ушинтип эле, адегенде бул жерге жатып алсаң болот, - Адилет дандырдын оозун көрсөттү, - анан ичи муздагандан кийин ичине түшүп жатып алсаң эч качан үшүбөйсүң!

- Корком го?!

- Айла канча, сага менин деле боорум ооруп турат дечи, бирок айла жок. - Адилет ийнин куушурду, з менин колумдан эч нерсе келбейт.

- Макул досум, рахмат сага, - деген Акжолтойдун көзүнө жаш тегеренип кетти.

Адилет ал күнү Акжолтойду сооротуп, курсагын тойгузуп жанында көпкө отурду да, ээрчитип алып үйүнө келди, келсе апасы аны күтүп жаткан экен. Адилетти көрүп эле абдан жини келип:

- Үйгө эрте келбей кайда жүрөсүң ыя, караңгыга калбай жүр дебедим беле?!

- Акжолтойдун үйү жок экен, аны таштай албай,

- Эк, ушу сенин да азабыз өттү го, боорукерин кантесиң, мейли бүгүндөн ары кечикпей келип жүргүлө, макулбу?

- Оо-ой йес! Апа, сизге ыраазымын, сөзсүз эрте келебиз, болгону Акжолтойду куубасаң болду, - деп Адилет апасын кучактап өпкүлөп ийди.

Ошондон кийин Акжолтойлор күндө базарга бирге чыгып жүрүштү. Анан бир күнү алар өтүкчүлөрдүн жанына барып өзүлөрүндөй балдардын өтүк тазалап жатканын көрүп экөө өтүк тазаламай болушту. Күндө кечинде үйгө экөө нан көтөрүп барышат. Аны көргөн апасы:

- Эмне, бул нанга акчаны кайдан таап жатасыңар, же ууру кылып жүрөсүңөрбү? - деп сурады эле Адилет:

- Жо-жоок, апа, биз Акжолтой экөөбүз өтүкчү болуп баштадык, азырынча биз болгону тазалап гана жатабыз, анан ултарганды үйрөнөбүз! - деди кубанычтуу.

- Оой азаматтар десе, ошентип эмгекчил болсоңор, - деп анан ойлуу: - уулум, мен силерди зорго эле багып ал эми окууга бере албай калбадымбы… - деп шуу үшкүрүп алды.

- Биз сизди багып алабыз, эч капа болбоңузчу, апа? - Адилет апасынын мойнунан кучактап өөп койду.

Акжолтой эне-баланын эркелешкенин көрүп ичинен өз энесинин кандай экенин тааныбай калганына улутунуп алды. Анан таенесин ойлоду. Ал абдан жакшы көрчү Акжолтойду. "Ал өлбөгөндө…" деп дагы улутунуп алды.

Ырас эле, өтүк тазалаганга алар көнүп кетишти. Экөө эки жерге отуруп алып тазалашат. Кечке маал экөө акчаларын санап алып үйлөрүнө жөнөшөт. Бара-бара алардын иши жүрүп күндө Бурулчага акча алып барып берип калышты. Жашоо ошентип бир күнү ыйлатып, бир күнү кубантып өтө берди.

Бир күнү Акжолтой бир өтүк тазалаган бойдон клиент жок отурган. Анын жанына бир олбурлуу адам келип туруп калды.

- Келиңиз өтүгүңүздү майлап берейин, арзан эле… - деген Акжолтой өйдө карай койгондо аны жылмая караган кызыл жүздүү мурутчан киши туруптур. Бул Доорон эле.

- Оо азамат, канчага тазалайсың? - деди ал Акжолтойду кызыга карап.

- Арзан эле, беш сом.

- Атың ким?

- Акжолтой.

- Атың жакшы экен, уулум, ата-энең кайда?

- Жок, томолой жетиммин. - Акжолтой күнөөлүү кишидей жер карап жооп берди.

- Канчадасың?

- Он экидемин.

- Азамат десе, эмесе мындай, сен мени менен айылга кетесиңби, мен сени багып алайын?

- А сиз урбайсызбы? - Акжолтой ордунан тура олуттуу сөз сүйлөшө тургансып Дооронду үмүттүү көзүн күндөн калкалап карады.

- Мен өмүрүмдө бала урган эмесмин.

- Анда сиздин аялыңыз мени уруп тамак бербей койбойбу?

- Ой бала, сен менин убадамды алганы турасыңбы? - Доорон Акжолтойду карап күлө сүйлөдү.

- Жо-жоок, менин тайкемдин аялы ошентип урчу.

Адилет аларды кызыга карап калды.

- Анда мен сени эч кимге урдурбайм.

- Мен макулмун! - эч нерсе оюнда жок, арамдыкты билбеген наристедей жарк эте күлүп жиберди Акжолтой.

- Аз-замат десе, кеттик анда.

Ошол тушта Акжолтойду Адилет колунан тарта:

- Акжолтой, сен кетесиңби? - деди.

- Ооба, Адилет, сага, Бурулча апама ырахмат, мен кетейин, - деди чоң кишидей Адилет менен кучакташа Акжолтой.

- Макул, досум. Жакшы бар, мени унутпа, кийин көрүшөбүз! - Адилет Доорондун жетегинде кетип жаткан Акжолтойду көпкө карап турду.

ooo

Аида үчүн үч күн үч жылдай сезилип кетти. Бул жерде баары бар болчу, кароолчунун аялы ага тамакты түрлөп берип турду. Суусундукту болсо толтура алып келип койгон, каалаганын ичет. Сыягы кароолчуга Турат дайындап баарын даярдап берген көрүнөт. Телевизор көрүп, ваннага түшүп, тамак ичип, кайрадан уктап көнүмүш нерседен тажап кетти. Маал-маалы менен ал суу боюна чыгып сейилдеп бак аралап жүрүп: "Эми Туратка эмне деп жооп берем, эгер мунун достору, туугандары же тааныштары мени менен бир кезде болгон болсо эмне болот, чынында депутаттар атайын заказ менен чакыртчу эмес беле, эгер алар көрүп, Туратка айтса эмне болот?" деп ойлоно берип башы маң. Макул болоорун же болбосун билбеди. Акыры: "Эмне болсо да өзү чечсин" деген тыянакка келди. "Эгер буга күйөөгө чыксам сойку болуп иштегенимди ата-энемен жашырып, танып койом" деп ойлонуп жатты. Чынында ата-энесине көрүнүүдөн бети чыдабай жаткан: "Туратка күйөөгө чыксам ханышадай эле жашамакмын, бирок ушул жашоо да адамды тажатат экен…" деп ойлоп койду ал.

Турат айткан күнүнөн эрте келди. Ал Аида менен сылык-сыпаа учурашты да:

- Кандай чоң кыз, зериккен жоксуңбу, эс алуу көңүлгө жактыбы? - деди аны сынай: "Жактырбай койгудай жашоодо эмесмин, макул болбогондо кайда бармак эле?" деп ичинен ойлоп турду.

- Рахмат, жакшы эле, - Аида аны күлө карады.

- Кол бошобой жатты, болбосо ар күнү жаныңда болууну ойлогом.

- Рахмат, - Аңгыча кароолчу булоолонгон палоону алып келип столго койду. Экөө тамактанып олтуруп сүйлөшүп жатышты:

- Аида, эмесе менин суроомдун жообун берээрсиң?

- Ал сурооңузга мен жооп таба албадым, өзүм сойку болсом сизге кандай жооп айталам, эгер жаңылып жазып аргасыздан ошол ишке барсам бир жөн, бирок…

- Аидажан, ал жөнүндө эскерүүнүн кереги деле жоктур дейм. Андан көрө мындан аркыны ойлойлу.

- Эмесе, мен сиздин эркиңизге койдум, өзүңүз чечиңиз!

- Эң сонун сөз, акылдуунун сөзү болду го дейм. Аида, мен билсем, анда үйлөнөбүз! - Турат ордунан туруп келип Аиданын артынан кучактап эңкейе чекесинен өптү. "Кандай гана маданияттуу адам" деп ойлоп алды Аида. - Эмесе, Аида, эртең… Жо-жок, бүгүн эле, мынакей азыр үйгө алып кетем!

- Кантип? Дароо элеби? - Аида таң калгандай көздөрүн бажырайтты. Ушул учурда Турат: "Ушул бажырайган көздөрдү канча адам өптү экен, ээ?" деп ичинен сызып алды да, Аиданы колтуктай эшикке чыгып машинаны көздөй басты.

Ошол эле күнү Турат Аиданы үйүнө алып барып, өзү даярдап койгон кийимдерди кийгизип алып ага өзү суктанып да, ичинен башка бирөөдөн кызганып да жатып: "А кокус көнгөн адатын карматып менин ак никемди аттабас бекен?" деп да күмөнсүп койду.

Тураттын үйлөнгөнүн ага-туугандары куттуктап келип тойго айлантып жиберишти. Ата-энеси өңдүү-түстүү келинине ичи жылып, Туратка ыраазы болуп жатты. Аида өзүнүн атын өзгөртүп, Света деп таанышып таптакыр өзүн башкача алып жүрүүгө аракеттенди. Бирок ошол чакан үлпөттүн катышуучуларынын ичинен аны Тураттын карындашынын күйөөсү бүшүркөй карап тааный албай жатты. Аида анын баарын билип турса да билмексен болуп жүрө берди. Тигиниси: "Тобо-о, ушундай да окшоштук болот экен ээ?" деп бушайман болуп жатты. Анткени ал өзүнүн кызматынын абалынан пайдаланып Аиданы бир суткага алып кеткени али эсинен чыга элек болчу. Бирок кийин барып аны такыр кездештире албай койгон.

Турат Аиданы чын жүрөгү менен сүйдү, дили менен ага берилди. Ошондуктан анын сойку болгонуна карабай баш кошту. Өз оюнда: "Кимдер кандай айтат, баарына кайылмын, болгону эми менин ишеничимден чыкпаса болду" деп ойлонуп алат. Бир күнү ал оюн-чындан чыккан тамаша менен Аидага мындай деди:

- Аида, менде мындай сунуш бар…

- Эмне деген сунуш?

- Мм.., эгер сен макул болсоң сен сойку болуп жүргөн кездеги мен биринчи чечкен турсаңды балконго илип койбойлубу?

- Эмнеге? - Аида Туратты таңгала, чоочуй карады.

- Эмне үчүнбү? Себеби сен мындан кийин менин ак никемди аттабашың үчүн…

- Койчу, Турат, мен ансыз да ошол кылыгыма өкүнүп жүрөм, эч кандай андай ишке барбайм!

- Ишенем дечи, баары бир ошентиш керек, менин сүйүүмдүн сага деген тазалыгын актап, өмүр бою ала жипти аттабай өтүшүң үчүн керек!

- Кызык, өзүң бил! - Аида көңүлсүз баш ийкеди.

Ошол сүйлөшүүдөн кийин көп өтпөй эле балкондо Аиданын көк турсасы илинип калды. Ата-энесин чакырып коноктоп узатышты.

Аида ата-энесине эч нерсе билбегендей болуп Турат экөө сүйлөшкөндөй үч жылдан бери жашап жүрөбүз деп коюшту. Бирок атасы кыраакы ага ишенбеди, ал турсун балкондогу илинип турган турсаны көрүп баарын түшүндү да, ичтен тынып акыл-насаатын айтып жөнөп кетишти. Жолдо баратып Гүлнарды карап:

- Кемпир, жанагы балкондогу турсаны көрдүңбү? - деди.

- Эмне болгон турса экен, ботом? - Гүлнар эч нерсеге түшүнбөй күйөөсүн карады.

- Көк турса, күйөө балага рахмат, кызыңдын бузулганына карабай алган тура, - деди эле Гүлнар таң кала күйөөсүн суроолуу карады да, үндөгөн жок.

Алар үйүнө көңүлдөрү тынып кубанычтуу кайтышты. Аз убакыт өтпөй кыз-күйөөсүн чакырып коноктоп узатты. Аида чексиз бактылуу, анткени Турат анын каалаганын алып берип, сейилдетип, ар ай сайын Көлгө эс алдырып келет.

- Аида, сенден Көлдүн ак куулары да сүрдөп турат окшойт, - деди бир күнү Турат.

- Койчу какшыгыңды, - Аида ага эркелей көзүн сүздү.

- Чын айтам, менин көзүмө сен ак куу болуп көрүнүп жатпайсыңбы! - деп көздөрүнөн өөп сууга жыгылып сүзүп жөнөдү.

Турат Аиданы эч жерге иштеткиси жок:

- Аида, сен менин тилимден чыкпай менин үйүмдүн гана ханышасы болсоң болду, - деди. Аида үндөбөдү. Эмне демек, ал ушул бактысына ыраазы эле да. Турат жумушунда отуруп ай чырайлуу Аидасы жөнүндө ойлогондо: "Эмнеге ушундай супсулуу назик кыздар сойку болуп кетет, буга ким күнөөлүү, кыргыз эмне болуп баратат, эр азамат жигиттер кул базарда, кыздарыбыз сойкуканада, эмнеге?!" деп ичинен ачуу чаңырып, колунан келсе өлкөнүн жоголуп кетүүсүнө жалгыз каршы турууга бел байлагысы келет. Өз элинин жоголуп кетүү коркунучунда турганын ар бир инсан Турат сыяктуу сезе билсе анда Кыргызстан түп ордунан кайра курулмак. Ырас эле, шаардагы базарлардын ар биринин өзүнүн сойкусу, селсаягы, маньягы, рекети бар. Азыркы кезде беш жарым миллион элибиздин үчтөн бири кайырчы, мусаапыр, ууру-кески. Турат анын кайсы бирин жөнгө салат? Кээде ал түнү бою уктабай Аиданы жылуу кучагына алып ойлонуп чыгат. "Канткенде Кыргызстан бул абалдан чыга алат?" Турат ушундай санааларга берилип кыйнала берчү болду.

ooo

Ажар кыз төрөдү, бул күн селсаяктар үчүн чоң майрам болду. Кичинекей наристеге чогулуп Эркингүл деген ат коюшту. Эркиндик колубузга тийип, эркин өлкө болгондо төрөлдү дешип биринен сала бири уктап жаткан наристенин быйпыйган мурдунан чымчып өөп коюшат.

- Достор! - деди Сапар, - мына эми Ажар экөөбүздүн мойнубузга чоң милдет жүктөлдү, эми биз мынабу бейкапар уктап жаткан наристени багып, өстүрүп тарбиялашыбыз керек, - деди.

- Эң сонун сөз, туура айтасың, Сапар, Эркингүл жашоонун кыйынчылыгын көрбөй чоңойсун, - Сейде наристенин жүзүнөн сүйүп койду. - Өлкөбүздө селсаяктар, аракечтер жоголуп, бейкут жашоо орносун!

- Өлкөбүзгө адилет башкаруучу келип, общий домду жоюп, чек араны бекемдесин!

- Чын эле өзүбүздү өзүбүз көргөндө селсаяк жүрөгүбүз ооруйт. - Сапар дагы наристени карап койду.

Ошентип үй деп аталган кичинекей өжүрөдө кир жаздыктын үстүндө эски жоолукка оролгон наристе уктап жатты. Наристе үчүн кир жаздыкпы, же апаппак мамык төшөкпү - баары бир болчу, болгону ал бул дүйнөдө бар-жогун сезе элек жандүйнөсү жаңы аткан таңдай бейкут, сүттөй таптаза эле...

Сапар жан үрөп иштеп жатса да тапканы кызы менен аялына жетпей кыйналып кетти. Достору болсо өз алдыларынча кеткен. Кээде келип турушат. Ажар менен Сапар ичкенди койду. Эптеп баардык азаптарга чыдап, ачка-ток болуп кызын багууну көздөшөт. Квартира акысын эптеп берип жатып, эми төлөй албай калды. Кызы болсо бара-бара күлүп төрөлө баштады. Экөө тең кызынын күлкүсүнө кубанып, өткөн жашоолорун купуя ойлонуп, андагы жашоосу менен азыркысын салыштырып калат. Бирок бири бирине сыр билгизишпейт. Ажар: "Бизде дүнүйө жок, сүйүү бар, селсаякта жан жок бекен, же жүрөк жок бекен? Сүйөм деп айтпаганыбыз менен бир бирибизди сүйөбүз!" деп ойлонуп кетет. Канчалык аракеттенген менен баары бир оңолуп кете алышпады. Бир күнү Ажар Сапарга өз оюн айтты:

- Сапар, сен кыйналып баратасың, кызды эптеп жаткырып коюп жумушка чыксамбы?

- Койчу, караңгы подвалда баланы крысалар жеп кетпейби.

- Жебейт, бир саат иштеп сага жардам берип турайын.

- Ажар, - деди Сапар ойлуу Ажарды карап, - эгер туура көрсөң ушул кызды кыйнабай эле бирөөгө берип койбойлубу?

- Ошону мен да ойлонуп көрдүм дечи, кайда, кимге алып барып беребиз?

- Мен бир бардар жашаган үйдү билем...

- Кайда?

- Байлардын айылында. Менимче баласы жок, үйүнөн бала ойноп чыкпайт.

- Андай болсо ушул бойдон уят го, эптеп бир сыйра кийим алып кийгизип, анан... - Ажар ойлуу туруп калды. - Кантсе да каныбыздан жаралган балабыз эмеспи.

- Туура айтасың. Бир жума жакшылап иштейин, анан кызыбызды... - Сапар да бир азга ойлуу отуруп анан: - жок дегенде жаңы кийим кийгизип берели.

- Ийи, - Ажар ичтен сызып, наристесин башка бирөөгө кыйбай турду. "Айла канча, мен же кийим кийгизе албасам, же үстүмдө үйүм болбосо, эки үч айда кыш келсе эмне айла кылам, андан көрө..." - деп отуруп калды.

Арадан эки жума өттү. Сапар үчүн кичинекей наристеге кийим табыш өтө кыйынга турду. Акыры эптеп бир сыйра ороо-чулгоо алып ороп алышты да, Ажар менен Сапар кечке маал байлардын айылын көздөй жөнөштү.

Бул Тураттын үйү болчу. Турат жаңы эле жумуштан келген. Негедир баланын үнүн угуп элес албады. Анын кулагына жакындан ыңаалаган үн угулгандай болуп: "Мен эмне болуп турам, коңшунун жаш баласы деги жок, эмнеси болсо да эшикти карайынчы" деп сыртка жөнөгөндө Аида:

- Кайда? - деди кухнядан чыга калып.

- Азыр эле келем, - Турат сыртка чыгып дарбазасынын сыртынан ыйлаган баланын үнүн угуп жетип барып эшикти ачып таң кала туруп калды. Анын көзүнө дарбазанын түбүндө ак баштык жаткандай болду. Жетип барып караса ал ак баштык эмей эле ороодогу бала экен. Бул учурда Сапар менен Ажар жолдун аркы өйүзүндө бүтө элек үйдүн дубалына жашынып карап турушкан эле...

Турат адегенде эки жакты карады. Эч ким көрүнбөгөн соң жердеги баланы ала койду. Ошол тушта үйдөн чыга калып Тураттын колундагы ыйлап жаткан баланы көргөн Аида чоочуп кетти:

- Ал эмне?

- Бала!

- Кимдин баласы?

- Билбейм, бул эшиктин алдында жатыптыр, кимдики экенин кайдан билем.

- Кызык, кимдики болушу мүмкүн?

- Билбейм. - Тураттын да башы маң болуп турганда Аида: "Азыр эле сырттан кирбеди беле, өзүнүкү го, болбосо эшикте бала жатканын кайдан билип чыга калмак эле, айткандан коркуп эшиктин алдына таштаткан го?" деп ойлоно калды эле, - Эмне кылалы, коңшуларды чакырып айталы да, милицияга билдирип койолубу? - деген үндөн эсине келе түштү.

- Өзүң бил, мен кайдан билем эмне кылаарды.

- Анда азыр үйгө кирип кыз же эркек экенин көрөлү, - Турат баланы көтөргөн бойдон үйгө кирди. Аида анын артынан кирди да экөөлөп ороону шаша ачып жиберишти. Чачтары өскүлөң, бакыраң көз кызды көрүп экөө үндөбөй көпкө туруп калышты.

- Татынакай кыз экен ээ? - Аида Туратты карады.

- Ооба, сага окшош экен, - деп күлдү да, - кой, көп кечикпей коңшуларды чакырып айталы, - дегенде Аида:

- Тим эле койчу, өзүбүз эле багып алабыз, - дегенде наристе ыйлап калды. Аида анын ороосун алмаштырганы жатканда күрмөсүнүн көкүрөгүнө кыстарылган кагаз түшүп кетти. Ал кичинекей баракта мындай деп жазылыптыр: "Тагдырдын оорчулугунан кызыбызды багууга кудуретибиз жетпей калды. Аргасыз кызыбыздын тагдырын сиздерге табыштайбыз. Кечирип койгула? Атын өзүңөр койгула, апасы Ажар, атасы Сапар" деп жазып коюптур. Экөө бир бирин карап туруп калышты.

- Кыйналып жүрбө, - деди Турат.

- Эмнеге кыйналат элем, кечке жалгыз зеригип эле жатам, эрмек болот да.

- Макул эркем, өзүң эле бил. Аида, эртең адегенде бул кызды врачтарга текшертип келели. Анан биротоло өзүбүзгө каттатып алалы, ээ?

- Ошентели. - Экөө андан ары кыздын ороосун алмаштырып, сүт берип колдоруна алмак-салмак алып кубанычтуу болуп аны кайрадан киринтип, анан уктатып коюп эртеңки жумуштарын тактап жатышты. Адегенде Турат эрте туруп базардан наристеге бир сыйра кийим-кече алып келүүнү чечти. Андан кийин врачка барып келип кызына ат коюуну, кошуналарын чакырып чакан тойчук жасап жентек берүүнү ойлоп, наристе кызды ортого алып жатып калышты.

Бул кезде Сапар менен Ажар көпкө чейин үйдүн эшигин акмалап туруп, анан андан эч кандай дабыш болбогон соң өз-өз ойлору менен алпурушуп акыркы маршруткага түшүп кечки түнөгүнө кайтышты. Канткен менен Ажар селсаяк болгон күндө да эне эмеспи, аргасыз тагдырына нааразы болуп көзүнөн жаш чыкпаса да жүрөгү ыйлап, сыздап келатты: "Мен селсаякмын, селсаяк болгондо да аргасыз селсаякмын, ушул акыркы бомж болгон учурумдагы өз сүйүүмдүн данакерин өз колум менен тарбиялап өстүрүүгө жарабадым, аттиң арман, баланын жыты, күлкүсү, ширин тили мага буйрубаган тура!" деп ичинен тынып келе жатты: "Бизди башкалар адам катары көрүшпөйт, жакшы жашоо, жакшы тамак, жакшы кийим адамдардын дилин өзгөртүп койот окшойт, болбосо биздин - селсаяк, бомждордун деле жүрөгү ооруйт, көңүлү кирдейт, жандүйнөсү жабыркайт. Аны эч бири түшүнбөй кордошот, бири кем дүйнө ай!!!" деп эс-мас болуп маршрутканын Ош базарга келип калганын сезбей ойлонуп келе берди. Качан гана:

- Түшкүлө, жеттик! - деген шофердун үнү угулганда караса Сапар экөөнөн башка эч ким калбаганын көрүп Ажар таң калып ордунан турду. Көрсө Ажар сыяктуу эле Сапар дагы ойлонуп келе жаткан көрүнөт.

Ээрчишип подвалга келди да, үндөбөстөн орундарына жатып калышты. Алардын кайгысы ат көтөргүс болчу. Сапар дагы эки баласынын эр жетип адам болгонун көрбөй минтип аргасыз талааны түнөк кылып жашап келе жатканына жети жылдын жүзү болуптур. Эми минтип селсаяктын күнүн көрүп жашап жатканда да наристенин бейкапар күлгөн күлкүсүн да ыраа көрбөгөн жаратканга наалат айтып жатты: "Бирөөлөр бизди бомж, селсаяк, алкаш, биз дешет, бирок биздин да жүрөгүбүз бар экенин, жашоого, сүйүүгө акыбыз бар тирүү пенде экенибизди сезишпейт, бизди көргөндө кийими түзүк адамдар жийиркене алыстап өтүшөт, биз ушул абалга кантип келдик, эмне үчүн ушинтип калдык - ойлошпойт, ушул бойдон төрөлүп калгандай жек көрүшөт, ал эми кээ бирөөлөр качан гана башына келгенде билишет" деп Сапар учугу жок чубалган жиптей узун ойдун аягына чыгалбай беймаза болуп жатып: "эк, атаңдын көрү, башкага караганда биздин жашоо таза, адилет эмеспи, эгер бул өмүрдөн өтүп кетсем үстүмдөгү көйнөктү да ала кетпейм да, байлыгы барың да, мен да бир көрпендебиз го?" деп өз оюна өзү ыраазы боло уйкуга кирди.

ooo

Акжолтой Доорондун үйүнө келгени өзүнүн жапакечтиги, тирикарактыгы, бала туруп акылгөйлүгү менен жагып өз бүлөдөй аралашып кетти. Анын чоң кишидей тыкан, таза жүргөнүнө Доорон ичинен таң калчу, бирок ичинен: "жетимдик ушуга үйрөтүп койгон го, болбосо менин эркелетип өстүргөн уулум тигил..." деп күрсүнүп алаар эле. Себеби өзүнүн беш кыздын ичиндеги жалгыз уулу мажес болуп калган. Анын бир да жолу ой токтотуп акылдуу сөз сүйлөгөнүн уккан эмес ата. Ошондуктан Акжолтойду өз баласындай жакшы көрүп көп жумшоодон аяп турат. Ага ал болбой эле Доорондун жеңилин жерден, оорун колдон алууга аракеттенип, өз ишин так жана тыкан аткарат. Ошондой күндөрдүн биринде Медет менен Жаркын келип калды. Жаңы эле үйгө кирип жайланышып отуруп калганда Акжолтой кирип келди. Аны көрө сала Медеттин жүрөгү болк этип алды: "Кайдан көрдүм эле, көз карашы, баары-баары тааныштай. Кызык, бул баланы кайдан көрдүм эле?" деп ою онго, санаасы санга бөлүндү: "Кызык, ким эле, кайдан көрдүм эле?" деп ойлонуп калганда Доорон:

- Бул менин уулум, аты Акжолтой! - деди Медетти карап.

- Жакшы, жакшы. - Медет башка эч сөз айталбай калды.

- Бизге неге айткан жоксуңар? - деп Жаркын сөзгө аралашканда Акжолтой:

- Салоом алейкум! - деп Медетке колун сунду.

- Ал-лейким салам, азамат жигит тура, кут болсун, ата, уулуңар! - деп Медет Акжолтойдун колун кыса кармап койду да, көздөрүнө тигиле: "Кызык, бул көздү кайдан көрүм эле, бир жерден көрсөм керек, бирок кайдан?" деп ойлуу отуруп калды.

- Уулум, чоң кара козуну алып кел, күйөө баланы коноктойлу! - деп Доорон Акжолтойду караганда ал:

- Макул! - деген бойдон буйдалбай сыртка чыгып кетти. Медет өз ою менен өзү алпурушуп отуруп дагы бир жолу жүрөгү болк этип алды: "Чын эле Ферузанын... жок-жок, менин баламбы, кантип ал муну бирөөгө берсин, дал ошонун көзү..." деп ар кайсыны ойлонуп кыйнала берди.

- Ата-энеси эмне болуптур, кайдан таап жүрөсүз? - Жаркын атасына суроо берип калды.

- Ата-энеси өлүп калыптыр, кордукту көп көрсө керек. Бирок абдан тың, акылдуу бала экен.

- Кай жерлик болот экен? - Медет чыдамы кетип суроо берди.

- Көлдөн эле, коңшу айылдардын биринен экен, Бишкектен алып келдим.

- Абдан тың бала окшойт ээ? - Жаркын сөзгө аралашып Акжолтойду жактырганын билдире сүйлөдү. - Апам кайда кеткен?

- Апаң эртең келет, жеңең экөө конокко кеткен.

- Ийи, - деп койду Жаркын. Медет болсо кулагы керең, көзү көр адамдай өз ойу менен алек болуп отура берди: "Феруза кантип баласын тентитип ийсин, мүмкүн.. Мүмкүн башка күйөөгө тийсе өгөй атасы кууп ийген болбосун, чын эле анда... Жок-жок, окшоштук боло берет да, мен эмне болуп атам.." деп өзүн алаксытууга сыртка чыкты. Сыртта мал союп жаткандарга жардам берүүгө камынды эле алар болбой коюшту. Ошол учурда ал Акжолтойдун жанына барып:

- Акжолтой, атаңдын аты ким эле? - деп сурап, ал жооп бергиче жүрөгү лакылдап жатты.

- Атамдын аты Насыр болчу, - деди ал чыйрак, өкүм үн менен.

- Апамбы? - дегенде Доорон аны чакырып калды эле, жүгүрүп кетти.

Ошол бойдон Медет ыгын таап андан сурай албады. Акжолтой ата-энесинин сүрөтүн целлофанга ороп алып дайыма алып жүрчү. Медеттин сураганынан ишин аткарып болуп короонун четине барып ички чөнтөгүнөн катып жүргөн сүрөттү алып чыгып колуна алып өөп: "силер өлсөңөр да менин дайыма эсимден чыкпайсыңар, мен үчүн силер тирүүсүңөр!" деп көзүнүн жашын сүртө кайра сүрөттү беките салды да, артына кайрылып үйгө кирип кетти. Анын койнунан сүрөттү алып кайра салып жатканын Медет көрдү да, үндөбөй басып кетти.

Медет үчүн кайын-журтуна келгени көңүлү чөгүп кайтты. Муну сезип Жаркындын да жүрөгү сыйрыла: "Баары унутулду деп жүрбөдүм беле, көрсө такыр унутулбайт тура, деги эмнеге капа болуп калды?" деп ичинен сызып калды. Үйүнө келгенден кийин Медет Жакынга кеңешип шаарга барып келүүнү чечти. Бирок ал шаарга эмес, Ферузанын айылына жөнөдү. Ал келгенде Жамал сыртта Актилекти чыбык менен чаап:

- Өлүгүңдү гана көрөйүн куу жетим, ушу силердики өттү мага, сен да бир күнү качып кетип шордотосуң го мени?!

- Апа, апаке, мен эч жакка качпайм, урбачы! - деп ал чыңырып ыйлап жатканда Медет Жамалдын жанына басып келди эле, аны "кайдан көрдүм эле" дегендей тикирейе карап алды:

- Сиз кимсиз, эмне жумушуңуз бар? - деди жактырбагандай, - ким керек?

- Мен Медетмин, Ферузанын, анан... анан... анын төрөгөн баласынын абалын билейин деп келдим эле... - деген Медет Жамалды тайсалдай карады.

- Ийи, эми керек болуп калдыбы, ал алда качан өлүп калган, мына, мынабу шүмшүк ошонун баласы, дагы бир шүмшүгү бар үйдө, - деди да: - Сиздин балаңыз болсо өрт чыгып, чычымында үйдөн качып кетти! - дегенде Медет:

- Анын аты ким эле? - деп ийди.

- Атыбы, жаман иттин аты бөрүбасар дегендей, Акжолтой, тим эле Акжолтой деп... - дегенде Медет андан аркы сөзүн укпай артка кайрылып жөнөгөнүн сезбей да калды.

Медет үйүнө келгенден кийин да түнөрүп эч сүйлөбөй түнт болуп кетти: "Эмне кылам, кантип аны өзүмө алып, атасы экенимди билдирем?" деп башы катты. Акыры ал: "Жаркынга ачык эле айтып аны эптеп бул үйгө алып келишим керек!" деген чечимге келди.

- Жаркын, - деди бир күнү ал. - Менин сага айтаар сөзүм, кеңешээр кебим бар.

- Эмне сөз, айт угайын. - жаркын Медетти таң кала карап калды.

- Жаркын, Акжолтой менин уулум экен...

- Койчу, аны кантип билдиң?

- Ушинтип эле, мен мурун аял алгам, аны билесиң да?

- Ооба...

- Анда ошол, апам аны жактырбай кетирип жиберип сени алып берген.

- Анан?

- Анан анын боюнда кеткен. Ал өлүп калып, уулум таажеңесинен качып шаарга кетип, андан атам таап келиптир!

- Кызык, эми эмне кылайын дейсиң?

- Билбей турам, өзүң акыл кош, билбесем бир жөн эле, билип таанып туруп баламды кантип колума алалбайм?!

- Мен да билбей турам...

- Анда мындай: сен аякка барып аны биякка чакырып кел, эки-үч күнгө.

- Эмне деп чакырам?

- Мм.., жөн эле биздикине барып келсин деп айт, анан...

Акыры бир чечимге келишип, Жаркын төркүнүнө жөнөдү. Медет тынчы кетип жатты: "Өз баламдын бирөөгө кул болуп жүргөнүн көрүп кантип чыдайм, кантип?"

Жаркын эртеси Акжолтойду ээрчитип келип калды, Медет аны кучактап өбүүгө даабады, жөн гана учурашып коноктоп, сыйлап, бир сыйра кийим-кече алып берди. Бир жумадай жүрүп Алтынчач экөө аябай ынак болуп ойногонун көрүп ичи ачышып турду: "Экөө бир бирин билбей чоңойобу, айтканда болбойт, көз алдымда болот, эгер алар кордук көрсөтүп баратса анда..." деп ойлонуп: "кудая тобо-оо, экөөнүн окшоштугун кара" деп оор күрсүнүп алды Медет.

Жаркын да өзүнчө бушайман: "тоб-бо, ушунчадан менин атама туш келгенин кара, атама айтып эле алып алсакпы, ансыз да кайран өмүрүмдү суздук менен өткөрдүм, эми кичине бир бирибизге көнүп калганда эмне болот, а кокус ойлоно берип ооруп калсачы, кой, андан көрө.." деп убайым тартып жүрдү.

Акжолтойду Медет өзү жеткирди. Эч нерсе дебеди. Кайнатасыныкына барып учурашкандан кийин:

- Ата, уулуңузду куттуктап бир сыйра кийгизип келдим, сиз уулдуу болуп атсаңыз биз да кубандык, сиздин мартабаңыз үчүн сый көрсөттүк.

- Ой айланайын, ыраазымын! Акжолтойум Акжолтой болду, бул келгени короодогу кой-эчкимдин баары эгизден тууп жатат, эзели алалбаган карыздарым келип киреше кирип кубанычым койнума батпай турган учур.

- Кут кылсын, ата! - деген Медет коштошуп үйүн көздөй жөнөдү: "Курсакта кетсе да менин балам, бирок мен атаңмын десем ишенеби, кайдан ишенмек эле, кой андан көрө жакындан жардам берип көз салып жүрө берейин" деген ойго келди да, бир аз көңүлү тынгансып эс ала түштү. Ферузанын өлгөнүн угуп аябай кейиди...

ooo

Турат менен Аида кошуна-колоңун чакырып жентек той беришип наристеге ат коюлду. Негедир бул наристе кыздын буюрган аты бул жолу да Эркингүл болду. Анткени алардын коңшуларынын ичинде токсондон ашкан карыя аксакал бар эле, ал үй ээлерин карап:

- Балдарым, ушул эркиндик колго тийген кезде төрөлгөн кызыңардын аты Эркингүл болсун, Эркингүл бактылуу болуп өмүрү узун болсун, оомийин! - деди эле, баары жабыла бата кылып жиберишти.

- Болсун, болсун! Аман болсун, бактылуу болсун! - дешти.

- Айтканыңар келсин! - деген Аида Туратты карады эле, ал да бул атка макул болгондой күлө:

- Айтканыңар келсин, кабыл болсун айтканыңар, - деп ордунан тура ийилүү менен конокторуна ыраазылыгын билдирди.

Бактылуу үйбүлөнүн бапестөөсүндө Эркингүл бейкапар чоңоюп жатты. Негедир Эркингүл көздөрү бакырайып Аидага окшошуп баратты. Турат ага ичинен таңгалып: "Ой тобо-о, тим эле куюп койгондой окшошуп баратканын кара, баккан бала окшошуп калганы кызык" деп ойлонуп калат. Аида Эркингүл апа-аталап калганда кош бойлуу экенин билди. Ага Турат да укканда абдан кубанды. Бир күнү алардын дарбазасы кагылды. Аида чыгып эшикти ачканда босогодо Ажар турган эле.

- Сизге эмне керек? - деди Аида аны чоочуркай карап.

- Кызым, менин барар жерим же колумда тыйыным жок, бир-эки күнгө түнөп турсам болобу, эптеп… Жумушуң болсо жасап дегендей…

- Аа-аа, бизде андай жумуш деле жок… - деп анан үйүнө кирип кетип кайра чыкты да, - жүрүңүз, - деп үйгө карай жол баштады.

Ажар аргасыз кызын таштап алып түтпөй аладан жарым жыл өткөндө кызын жок дегенде бир көрүүгө келген эле. Аида үйгө кирип Ажарды карап мээримдүү жылмая:

- Бир-эки күн туруп туруңуз, менин күйөөм командировкага кеткен, жалгыз кызым экөөбүз коркуп жаттык эле, - деди.

- Ийи, мен деле аргасыз эле, же мен байкушта тууган-урук жок, иштеп эл катары жан багайын десем акчам жок… Атың ким, кызым, менин атым Кайнар, - деди Ажар атын жашырып.

- Эч нерсе эмес, эже… - деген Аида чукуранып калган кызын манежден ала койду. Ажар аны сугалактана карап ичи тыз-тыз этип алды: "Кудай ай, ушул наристемди өз колум менен өстүрө албадым" деп сыздап алды да:

- Аты ким? - деп сурап жиберди.

- Эркингүл, - Аида Эркингүлдү чопулдата өөп-өөп алды да, - эл чакырып карыялардын батасын алып койгонбуз. Токсондогу чал коюп берди Эркингүл деп.

- Эркингүл?! - деп чоочуй сурады Ажар. Ал абдан таң калып турду, өзүнүн койгон аты кайрадан коюлганына бир эсе таң калса, бир эсе кубанып турду.

Сыр билгизбей Аиданын колунан Эркингүлдү ала коюп уурдана жыттап-жыттап алды да:

- Өзүңө окшош экен, аман болсун, - деп айтып алып, жүрөгү жыйрыла ичтен сызып алды.

- Ийи, өзүмө окшош, атасы дагы мага окшоштуруп жакшы көрөт.

- Биринчи балаңарбы? - Ажар билип турса да өзүн зордон жатып сурады. Эмне дээр экен: "бирөө таштап кеткен, багып алдык" дейби деп ичинен кыпылдап турду.

- Жо-оок, айылда дагы эки балабыз бар, бул үчүнчүсү.

- Жакшы-жакшы, айланайын, болсун, төрттү төрөгөндөй көрүнбөйсүң го?

- Ооба, баары эле ошенте беришет, күйөөм да: "Сен дайыма жапжаш бойдонсуң" дей берет, - Аида өзүнүн бактылуу экенине ыраазы боло сүйлөп жатты. Ажар болсо анын бир сөзүн укса бир сөзүн укпай алагдылана берди. Бирде тагдырына нааразы болгону менен, бирде ыраазы болуп ушул мүнөттө өз канынан жаралган наристесин уурданып өөп-жыттап, эркин эркелете албаганына ызаланса, бир чети балтыр бешик болуп чоңоюп, бу-булап калган кызынын апакай кийим кийип, атайын өзүнө арналган манежде чоңоюп жатканына ыраазы эле. Үчүнчү күн дегенде Турат келди. Ал Ажарды көрүп: "Аиданын жеңелеринен го?" деп ойлоп койду да, баш ийкеп учурашкан болду. Аида Ажарды мончого түшүрүп, бир сыйра жаңы кийим кийгизип койгонго жакшынакай болуп калган. Аида Тураттын көз карашынан сезип: "Анан айтам" дегендей ымдап койду. Ажар болсо Эркингүлдү эркелетип ойнотуу менен алек. Тамактанып отурганда Аида:

- Турат, тигил эженин эч кимиси жок экен, кыскасы же үйү жок… бала менен кыйналып калам го төрөп калсам, бирөө керек экен..

- Аны кайдан таап ала койдуң?

- Өзү эле келип калды, үй-жайы жок же жардам берээри жок кыйналып калыптыр. Эгер сен макул болбосоң кетет да.

- Өзүң эле бил, көңүлүңө жакса жүрө берсин!

- Өзү жакшы эле аял экен, баланы да жакшы багат го?!

- Макул, чүрөгүм менин, сен каалагандай болсун, - деп Турат ордунан туруп келип Аиданы кучактап өөп койгондо Аида ого бетер назданып:

- Рахмат, жаным, - деп көзүн сүзүп эркелеп калды.

Мунун баарын ички үйдө Эркингүлдү көтөрүп турган Ажар укту, бирок бул үйдө көпкө туралбайт болчу: Бекер тамак, таза төшөк, таза кийим кийип жашоо ага канчалык жакканы менен анын Сапары күтүп, издеп жатса кантет? Күнүмдүк оокат табуудан кыйналганы менен өз теңи бар эмеспи, ал эми мында сый-урматтан сырткары өз кызынын маңдайында болуу ага чоң бакыт да! Бир эле көрсөм деген тилеги бар эмес беле, эми минтип биразга кызынын жанында болуу бактысына туш болуп отурганына ичинен ыраазы болуп турду…

Ал эми Сапар болсо аны эки күн күттү, бирок эч дайыны болбогон соң тынчсызданып издей баштады. Өзүнүн ачка экенине карабай досторун издеп жөнөдү. Подвалда жалгыз жашоо ага кыйын болду. Өзүнөн башкалар деле бар дечи, бирок өз түгөйү, Ажары жок ал абдан жалгызсырады. Бир күн кечке кыдырып жүрүп Ош базарынан досторун таба албай, анын эртеси Аламүдүн базарынан Сейде менен Султанды таап алардан Ажарды сурады эле, алар көрбөгөнүн айтты. Сапардан кызы жөнүндө сураганда ал:

- Кызыбыз чарчап калган, Ажар ошондон кийин эле… - деген Сапар сөзүн улай албай калды.

- Жаман болгон тура, биз дагы өз тиричилигибизге алаксып, кабар алалбай калдык, кечирип кой Сапар, - деген Султан анын көңүлүн көтөрүп коюуну ойлоп бөтөлкө алып четке чыгышты. Үчөө көпкө отуруп самогон ичип, Сапар кызып калды. Ал үч күндөн бери ачка жүргөнгө бар эле мас болуп кайгысын досуна айтып даттана баштады.

- Досум, менин тагдырым өтө татаал экен, мен бактысыз болуп өмүрдөн өтөт окшойт. Бомждор дешип бизди эч ким адам катары баалашпайт, мен ушуга капамын, бомж да сүйөт, бомж да жүрөк менен туят, аны эч ким билбейт, билгилери да келбейт! - деп ыйлап кирди.

- Анын эмнесин айтасың, досум, ошол бизди теңсинбегендердин жүрөгүнөн биздин жүрөгүбүз мээримдүү, жандүйнөбүз таза, пейилибиз кенен! - Султан Сапардын көңүлүн көтөрө сүйлөдү.

- Ошону айтчы, досум, мен чарчап бүттүм ушул жашоодон, жакшы да жашап көрдүм, мусаапыр да болдум, эки түрдүү жашоону жашадым, бирок… - ал ойлуу олтуруп калды да, анан: - Ошол кезде өзүм да дал ошолор сыяктуу кесирлүү элем…

- Пендебиз да-а, досум, андай кезде бир күнү эшиги жок төрү жок үйдө түбөлүк кала берээрибизди ойлоп да койбойт турбайбызбы.

- Атасынын көрү-үү десең, айрыкча менин аялым абдан башкача аял эле, акча, дүнүйө десе жата калчу, досторумдун бирөө эле үйүнө буюм алса ошону алмайынча жаны тынчу эмес, ошентип жүрүп… Ажар андай эмес, пейили да башкача, биздин сүйүүбүз өзгөчө эле, ал жанымда жүргөндө ачка болсом да жылаңач жүрсөм да токтой болуп жүрөөр элем, эми кантем, аны кайдан табам? - Сапар ыйлап жатты.

- Досум, кайгырбачы ага, чын эле эмне болду экен, туугандары алып кетип жүрбөсүн?

- Билбейм, мен ансыз кантип жашайм эми я, ал деле мени абдан сүйөөр эле - кантип кайда кетти десең?

- Келип калаар, Сапаш, кайгырбай биз менен жашап тур, биз сени кантип жалгыз койолу. - Сейде сөзгө аралашып чын пейили менен Сапарга оюн айтты.

- Ооба-ооба, биз менен жашай бер. Жүрү анда, эрте жарыкта үйгө кетели.

- Кеттик, - Үчөө ээрчишип жолго түштү. Алар кайрадан темир жолго - ошол жактагы жатаканасына жөнөштү. Сапар аларды ээрчип илкип баратты.

ooo

Медет ар кайсыны шылтоолоп кайнатасынын үйүнө бара берчү болду. Барып Акжолтой менен сүйлөшүп, жанында болууну самайт, бирок анын бир да колу бошобойт, бошосо да Медеттин жанына келбейт. Бир күнү Медет атайы Акжолтойдун кой кайтарып жүргөн жерине барды. Өрдөш менен кой жайылган жерге жеткенче ар кайсыны ойлонуп баратты. Акжолтойду көргөндөн бери ансыз да жандүйнөсү дүрбөлөңгө түшүп жаны жай алалек. "Кантип өз баламды өзүмө тартууга жарабай жүрө алам, Ферузанын арбагы ыраазы болбойт го?!" деп ойлогондо үйүнө олтура албай чабалактачу болду. Ал азыр оюнда: "Бүгүн сөзсүз ачык сүйлөшсөмбү же… а балким таптакыр менден да качып кетсечи, укпай койсочу, ишенбей койсочу?!" деп кыжаалат болуп жатты.

Тээ алыстан койлорду имерип жүргөн Акжолтойду көрө сала жүрөгү лакылдап кетти Медеттин: "Кандай кабыл алат, деги сөзүмдү угаар бекен?" Ал жакындаганда Акжолтой өзүн көздөй чымын-куюн болуп чуркап жөнөдү. Балалыктын таттуу күндөрүн ата-энеге эркелебей, эркин ойной албай кой артында түйшүк тартып өткөрүп жатканына карабай чыйрак, жайдары эле ал. Ар кайсыны ойлонуп келе жаткан Медеттин ою жүгүрүп келаткан Акжолтой келгиче тээ өзүнүн бала кезине чабыттады. Медет абдан жоош, момураган бала эле. Бир күнү ал уктап жатканда эртең менен апасы ойготуп:

- Мекин, атакем менин, турсаң, мен сага куймак куюп койдум, тура кой! - деп жуурканын ача салып моюн-башынан өпкүлөп жатканда кыткылыктап күлүп бетин жуубай келип дасторконго олтура кеткен. Ошондо дал ушул Акжолтойдун курагында болсом керек" деп ойлонуп келатканда:

- Ассолоому алейкум, Медет жезде! - деп тике маңдайында колун сунуп туруп калды.

- Оо-о азамат десе, кандай? - деп шашып калды Медет.

- Жакшы, баары жакшы, сиз кайда баратасыз?

- Ушундай эле, сага жолугайын дегем… - Медет ушул чакылдап маңдайында турган баладан көзүн ала качып жооп берди. - Кел, мындай отур, тамактанып ал, - деп өзү ала келген конфет менен кола, фантадан оозун ачып, нан сындырып кирди.

- Оой, сиз буларды мага алып келдиңизби? - баланын көздөрү кубанычтуу жайнап кетти.

- Ананчы, баары сен үчүн! - Медет анын көздөрүнөн Ферузанын көзүн көрүп турду. Балага байкатпай улутунуп алды.

- Рахмат! - Акжолтой бир демге кабагын бүркөй түштү.

- Эмне болду, Акжолтой? - андан эч нерсе сурагысы келбей: "ата-энесин эстеп кетти го, жүрөгүн оорутпай эле койойунчу" деп ойлоп ийди Медет.

- Жөн эле, ата-энемди эстеп жатам, эгер алар тирүү болсо мен бул жакка келмек эмесмин да, - Акжолтой чоң кишидей муңайым сүйлөп жатты, - иним, карындашым да тиякта кор болуп жүрүшөт. Эх, тез эле чоңойсом, аларды өзүм багып алат элем! - дегенде Медет үндөбөй угуп олтурду.

- Акжолтой, апаңдын сүрөтү барбы сенде?

- Ананчы, атам экөөнүкү тең бар, - деген Акжолтой чөнтөгүнөн эскирип калган кагазга оролгон сүрөттү алып абайлап кагазды айрыбай ачты да, сүрөттү бираз карап туруп, Медетке сунду, - мен анча деле билбей калдым, муну тайкемдин үйүнөн бекитип алгам, - деди.

Сүрөттөгү жылмая бактылуу ыкташып олтуруп түшкөн Феруза менен мурутчан сулуу жигиттин сүрөтүн карап олтуруп: "бактылуу эле болгон экен, эмне болуп…" деп ойлонуп олтурду да:

- Ооруду беле? - деп сурады.

- Жок, экөө тең эле оорубаптыр, апам болсо төрөттөн каза болуптур, атам болсо кан басымы көтөрүлүп кетиптир.

- Аны кайдан билдиң?

- Мен тайкемден сурап алгам, тайнем барда жакшы болчу, ал өлгөндөн кийин эле…

- Тайнең качан өлдү эле?

- Эки жыл болду, тайнем өлгөндөн кийин таажеңем уруп-сабай бергенден кетип калгам…

- Эмне, жумуш жасабай ойноп кетчү белең?

- Кайдан дейсиз, ойномок турсун тамак ичпей жумуш жасап жатсам да жактырчу эмес: "топ жетим, ата-энеңерди жутуп алгансыңар, жуттар!" - деп эле уруша берчү.

- Эми бул жакта кандай? - Медет сынай сурады.

- Баары жакшы, кардым ток, жаман сөздөн кутулдум, жаткан жерим таза, өз ата-энемдей карашат.

- Азамат, - деген Медет ойлуу олтуруп тыкан жана так сүйлөп чоң кишидей сүйлөп жатканына ыраазы боло жүрөгү менен толкунданып алды: - Окугуң келеби?

- Сөзсүз окуйм, атам быйыл окутам деп жатат, эгер окуп калсам сабактан калбай жакшы окуйм, чоңойсом иним менен карындашымды колума алат элем, байкуштар кор болушту, - Акжолтой ойлуу отуруп калды эле, Медет анын башынан сылай эркелетти:

- Макул, Акжолтой, мен кетейин, окуганың жакшы, окусаң мен да жардам берем, жакшы жүр, ээ? - Медет ордунан турганда Акжолтой дагы ордунан туруп:

- Жакшы барыңыз, сизге ыраазымын, мендей жетимге боор ооруганыңызга, - деп колун сунганда Медеттин жүрөгү "тыз" этип сайгылашып алды. "Жетимге" деген сөз ага оор тийди: "Сен жетим эмессиң, мен сенин атаңмын, сен жетим эмессиң!" деп тээ көмөкөйүнөн бирөө кыйкырып жаткансыды. - Мен койлорду тосоюн, жайылып кетиптир. - Акжолтойдун үнүнөн селт эткен Медет көздөрүн ирмеп-ирмеп алды да:

- Койлоруңду имеришип койойунбу? - деди.

- Жо-оок, кереги жок, өзүм эле, сиз бара бериңиз! - деген Акжолтой тызылдап койлорду көздөй жүгүрүп кетти. Анын артынан көпкө ойлуу карап турган Медет: "Уулум, кагылайын уулум, сен акылдуусуң, бактылуусуң, мен сенин келечегиң үчүн кам көрүп сен үчүн баарына даярмын, уулум!" деп улутунуп алды да, карааны алда качан коктуга кирип кеткен Акжолтойдун артынан умсунуп барып кайра артын көздөй жөнөдү. Ал үйүнө кеч келди, Жаркын анын үйгө киргенин көрүп үндөбөй дасторкон жайып, тамак алып келип астына койду. Медет да унчукпай тамактанды да, төргө жаздыкка кыйшайды. Бири биринен өтүп мотураңдаган балдары атасынын үстүнө минип ойноп кирди. Эс тартып калган Алтынчач инилерин тыюуга аракеттенип:

- Атам чарчап келсе да жанын койбойсуңар, тур тигил үйгө ойногула! - деп өзүнөн кийинки сиңдисин жетелеп аркы бөлмөгө кирди. Медет аны карап:

- Садага, кызым эсине кирип калган тура, инилериңди аркы бөлмөгө кийирип коюп кайра келчи, - дегенде жүн тытып отурган Жаркын аны карап таң калды: "Бул эмне дегени турат, али эч нерсени түшүнө элек Алтынчачка эмне дейт!" Аңгыча Алтынчач ички үйдөн чыгып келип Жаркындын жанына отуруп калганда Медет кыңкайган жеринен өйдө боло мандаш токунуп отуруп:

- Жаркын, менин силерге айта турган сөзүм бар, - деп Жаркынды карады да: - Мен мындан ары чыдай албайт окшойм, Акжолтойду колума эле алсамбы дедим эле, сен кандай дейсиң? - деди.

- Атам эмне дейт, анан ал билсе… - деп андан аркысын айтпай туруп калды. Чынында ал Медетти минтет деп ойлогон эмес.

- Ата, Акжолтойду эмнеге алып келесиз, аны таятам багып алган да?

- Кызым, ал сенин биртууганың, менин балам. Ошондуктан сен да угушуң керек. Акжолтой бул үйгө келип жашоого тийиш, бул үйдө анын орду бар! - деди Медет. Жаркын эмне дээрин билбей олтура берди: эмне демек, атасына кантип айтат "Бул Медеттин мурунку аялынан төрөлгөн бала экен" деп?! Анын үстүнө ал Акжолтойду өз баласындай жакшы көрүп эркелетип отурса… - Эмесе мындай, Жаркын, экөөбүз эртең атама барып чындыкты айталы да, Акжолтойду алып келели.

- Барбай эле, адегенде мен апам менен сүйлөшүп, чындыгын айтып келейин, эмне кылаарды анан кеңешебиз, - деди Жаркын.

- Анда макул, тездетели, Жаркын, уулумду өз колума албасам тынч алалчудай эмесмин, энеси тирүү болсо да бир жөн, өзүм тирүү туруп балама жетимдин күнүн көргөзгөнүм болбос!

- Аның туура, алар да түшүнүшөөр, бизди кечирээр, бирок Акжолтой кандай кабыл алаар экен? - Жаркын Медетти суроолуу карады.

- Балам эмеспи, акыры түшүнөөр, баш ийээр… - Медет ойлуу отуруп калды. Жаркын үйбүлөсүн жоготкусу келбей, Медеттин айтканынан чыкпай ушунча жыл өткөргөнүнө кээде кейип кетет: "Эр койнунда эркелеп жаштыгымды өткөрбөдүм, муздак жашоо кимди тажатпайт, эми кеч, төрт балам үчүн да жашоого баш урдум, эми уулун колуна алып берсем өзгөрөөр бекен?" деп ичтен сыза отуруп калды.

Эртеси Жаркын ата-энесиникине келди да, энеси менен маанилүү иш боюнча сүйлөшчүдөй болуп:

- Апа, жүрчү үйгө экөөбүз жеке сүйлөшүп алалы, - дегенде эне:

- Ийи кызым, эмне сөз экен, кана айтчы, эмне сөз?

- Апа, - деген Жаркын ички үйгө кирип эшикти бекем жаап энесин төргө колтуктай басты да: - апа, Акжолтой Медеттин мурунку аялынан боюнда кеткен бала экен! - деди.

- Койчу, ырас элеби? - эне элейе кызын карады.

- Ооба, апа, Акжолтойду көргөндөн бери Медеттин тынчы кетип эле, ачык айталбай же тим болалбай кыйналып жүрөт.

- Капырай де, ошондой бекен?

- Дал ошондой экен, эмне кылаарын билбей айласы кетип атат.

- Апасы да, атасы да жок экен го?

- Апасы өлүп калыптыр, атасы кийинки атасы экен.

- Эми эмне болот, атаң ага абдан ишенип, өз баласындай көрүп калбады беле, чынын айтсам баарыбыз жакшы көрөбүз.

- Баары бир, атама айтып түшүндүрүңүз, анан бирөөнү жөнөтүп койгула, биз келип алып кетели.

Андан ары эне-бала көпкө чейин сүйлөшүп отуруп, анан:

- Айла канча, андай болсо… - деген эне башын ийкей тим болуп кызы менен ээрчише сыртка чыгып, аны узатып ойлуу отуруп калды. Ошол убакта Доорон үйгө кирди эле, аны караган эне бирдеме айтчудай болуп жалдырай карап же айталбай кыйнала берди.

- Сага эмне болгон, тилден калган эмедей эле жалдырайсың да?! - деди Доорон.

- Тилден калгыдай эле болуп отурам, кел андан көрө мындай, мен сага бир маанилүү сөз айтайын…

- Кана, кандай кеп-сөз экен? - Доорон төргө жантая отуруп кемпирин карады.

- Кеп мындай, бүгүн Жаркын келип кетти. Акжолтой Медеттин баласы имиш!

- Эмне дейт?! - Доорон чоочуп, кыңкайган жеринен өйдө боло калды. - Аны кантип билиптир??!

- Сураштырып, кайын-журтуна чейин барып келиптир, - шыбырай сүйлөдү эне.

- Кызыгың түшкүр ай-йаа-а, эми эмне болот, Акжолтой эмне дээр экен? - Доорон кемпирине карады.

- Кайдан билем, мен да эмне болоорун билбей башым катып отурам.

- Анда мындай, кемпир, болоору болуптур, анда-санда келген күйөө баланын тез-тез каттап калганы ошондон тура!

- Ошондой экен, эмне кылаарын билбей, өзүнчө кыйналып атат дейт.

- Эмесе мындай кылалы: Акжолтойго айтпай туруп күйөө бала менен кеңешели, анан айталы ага.

- Өзүң бил. - Эне кайдыгер үн катты.

- Мен өзүм аларга эртең барайын да, түз, ачык сүйлөшөйүн… - Доорон ордунан туруп сыртка жөнөдү. Көңүлү уйгу-туйгу болуп ары-бери басып жүрүп мал короого кирээрде Акжолтой кой айдап келчү жакка басты. Мал-салды жайлап үйгө киргенден кийин тамактанып отуруп эки көзү Акжолтойдо болуп атты: "Кызыгың тү-үш, ырас эле окшошуп турганын кара, мурда ушуну байкабаганымды кара, көздөрү гана башка" деп ойлонуп, үнсүз отура берди. Акжолтой болсо эч нерсе менен иши жок, тамагын ичип алгандан кийин өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти. Доорондон үн чыгаар эмес, өз ою менен өзү алек болуп отура берди.

Эртеси малды Акжолтойго айдатып жайытка жөнөткөндөн кийин атын токуп минди да, жолго чыкты. Доорондун келгенин эшикте жүргөн Медет көрүп, утурлай басып атын алды. Амандашып үйгө кирип отургандан кийин бир азга жээндери менен учурашып, өзүнүн чөнтөгүнө сала келген алмасынан берип эркелетип атып, сөздү эмнеден баштаарын билбей кайсактады. Канчалык улуу киши болуп тиш кагып калса да ушу кезде ага кыйын болду.

- Менин келгенимди билип эле турган чыгаарсыңар… - деп кыз-күйөөсүн карады.

- Ооба… сиз мени кечирип коюңуз, ошондой болуп калды…

- Эч нерсе эмес, болоору болду, эми эмне кылайын дейсиң? - Доорон Медетти тике карады.

- Сиз эле чечиңиз, акыл кошуңуз, айтайынбы же ушул бойдон билгизбей эле койойунбу?

- Болбойт, мынча болгондон кийин ачыкка чыгарып койолу, бала эмеспи, көнүп кетээр… - деди Доорон, - мен ага өзүм айтып, түшүндүрүп, ээрчитип келем.

- Макул, ата, өзүңүз эле билиңиз, мага деле кыйын болду, сизден өтүналбай жүрдүм.

- Ыйбаа кылганыңа ыраазымын, балам. Бирок ар нерсенин өз убагында болгону жакшы. Эмесе эртелетип бир туугандарына тааныштырып койолу, - деген Доорон ордунан обдулду. Медет менен Жаркын аны узатып аттандыргандан кийин өздөрүнчө кеңешип жатты. Алар эми коңшу-колоңдорун чакырып, Акжолтойду тааныштырып тойчук өткөрүүнү чечишти.

ooo

Ажар Эркингүлдү багып, Тураттын үйүндө онбеш күндөй жүрүп калды. Кичинекей наристе негедир өз энесин сезгендей ага көнүп, ыйлап жатса да Ажар ала койсо тып басылып калат. Аида менен Турат дагы ага көнүп өз энесиндей мамиле кыла башташты. Аиданын айылдан келген апасы Гүлнур да ага боор тартып:

- Мейли, бечара, эч кимиси болбосо кыйын да, жүрө берсин, жаман айтпагыла, - деп акыл айтты эле:

- Эмнеге жаман айтмак элем, апа, өзү билип бүт жумушту бүтүрүп койот, баланы да жакшы карайт, кир-кокту жууган да ошол. Анан мен ага жаман айтып эмне, - деген Аида апасы менен сүйлөшүп отурганда.

Ошол бойдон сөз бүтүп, өз иштери менен алектенип Ажар менен Аида эне-баладай ынтымакта божурашып, Эркингүлдү ортолоруна алып эркелетип олтурушат. Ажар Сапарды ойлоп ичтен кыжаалат: "Адамга кээде сый-урмат деле жарашпайт тура" деп ойлойт ичинен. Баягыдай эрте туруп мусор аралабай, же базарчылардын товарын аңдыбай оңуп эле калбадыбы. Таза кийинип, таза төшөктө жатып, тамактын түрүн жеп бакыбат жашоодо минтип билинбеген менен өз канынан жаралган наристесинин жытын моокуму канганча жыттап бактылуу болуп жүрө берүүгө даяр эле, бирок Сапарды да кыялбай жүрөгү түпөйүл болуп жүрө берди. Бир күнү алардын үйүнө айылдан кабар келди. Тураттын атасы өлүптүр, тезинен жөнөөгө туура келди. Алар эми жөнөөрдө Ажар жөнүндө сүйлөшүп, эмне кылаарын билбей турганда Ажар:

- Мен силер келгенче бир жакка бара турайын… - деп калды.

- Биз эми бир-эки айдай жүрүп келебиз го? - Турат Аиданы карады.

- Чын эле… сиз үйдө эле жашап турасыз го?

- Жок, мен силер келгенче бул жерге туралбайм, силер келгенче бара турайын.

- Өзүңүз билиңиз, жөнөбөсөк болбойт, Аида, Ажар эжеге бираз тыйын бер, - деп Турат жүктөрүн көтөрүп машинага салып жатты. Аида шашылып жатып Ажарга миң сом берди да:

- Капа болбоңуз, эже, келиңиз, мен сизди күтөм, - деди да, кызын алып машинага отурду.

Ажар Турат менен Аиданы жөнөтүп коюп, анан Ош базарын көздөй жөнөдү. Ал келгенде подвалда Сапар жок болчу. Колунда бираз тыйыны бар, эки жакты издеп жүрдү: "Байкушум же карды тойбой, же кийимге жарыбай дагы бир мусордо жүрөт бекен же иштеп жүрөбү, кечинде келээр" деп ойлоду. Ал күнү Ажар Сапарды таппай кечинде подвалга келди эле, ал келбептир. Аттиң адам деген кандай ээ, бираз таза жашоого көнө түшкөнгө ушул бүгүн подвалга баш баккандан жийиркенип турду. Бир кезде саман же коробка төшөнүп ным жыттанып турган ушул караңгы жертөлөдө жашаганы жалган сыяктуу, түш көргөндөй сезилди Ажарга. Анан суточный квартира издеп ошол эле подвалдын үстүнкү кабатынан жатакана тапты, бир кезде ушул үйлөргө самсаалаган кир кийими менен баш багалбаган Ажар азыр эркин кирип орун алды: "Эх атаңдын көрү-үү, - деп ичинен ойлуу олтурду ал, - ушул кичинекей кагаздын ушунчалык күчүн кара, - деп колундагы көк-жашыл акчаларды жанындагыларга байкатпай мыкчый, - ушунун айынан канчалар тентиреп ачка-ток, жыртык-жылаңач көчөдө калды" - деп кыңкая кетти. Азыр Ажарды мурда көрүп жүргөндөр айрып тааный албас эле, ал турсун Сапар да жанынан тааныбай өтүп кетмек.

Эртеси эрте туруп кетип дагы Сапарын издеди. Бирок эч жерден таппады. Айласы куруганда эптеп бир соода кылууну чечти да, алма алып сата баштады. Негедир соодасы солгун болгону менен күндө тамак-ашы менен квартирасына жетип турду. Ошентип эки көзү эки жакта, эси-дарты соодада болуп арадан бир ай өтүп кеткенин байкабай да калды. Бул учурда Ажар бираз акча да жыйнап алды. Кийимди алмаштырып кийип, ар жумада душка түшүп, адам катары жашай баштады. Ал соода кылып жаткан жерден бир күнү Сейде өтүп калбаспы.

- Ай Сейде! - деди Ажар, - токтосоң?! - Сейде артын карап, бирок тааныш эч кимди көрө албагандан кийин кайра бурулуп кете берээрде Ажар жетип аны колтуктай калды. - Сейде, кандайсың? Мени таанып жатасыңбы, ыя?

- Сен кимсиң? - Сейде аны тааный албай, аны үрпөйүп карап калды: "Айылдагылардын бириби, мени кайдан тааныйт болбосо, ушул кебетем менен уят го, Сейде эмесмин, башкамын деп койойун" деп ойлонду да: - мени башка бирөө менен алмаштырып жатасың го? - деди.

- Сейде, мен Ажармын, Сапарды көрдүңбү? - деген Ажар анын кулагына шыбырай күлүп жиберди.

- Койчу?! - деген Сейде Ажарды көздөрүн ирмеп-ирмеп, башынан бутуна чейин карады да, эми тааныгандай кубана жылмайды. - Ой сен кайдан, Сапар сени издебеген жери калбай тажап бүтүп, эми иштеп жатат.

- Кайда, кайда иштеп жүрөт ыя?

- Аламүдүндө, биз менен жашап жатат.

- Жакшы болгон тура, мен эки саат мобул алмамды сата койойун, анан чогуу баралы? - деди Ажар.

- Макулмун, - деп Сейде баса берээрде Ажар анын колуна жыйырма сом карматты, - буга тамактанып ал!

- Рахмат! - Сейде узай берди. - Тез эле келем.

- Байкуштарым, - деген тейде аны узата карап туруп ордуна отурду да, кечинде дагы баягыдай караңгы, ным, сасык жыттанган жертөлөгө бараарын ойлогондо жыйрылып алды: "Эптеп Сапарды тапсам экөөлөп соода кылабыз да квартирага киребиз" деп ойлоп соодага кирди. Аңгыча кеч кирип, калган товарын камерага коюп жөнөйүн деп жатканда Сейде келип калды. Экөө ээрчишип Аламүдүндү көздөй жөнөштү. Бир заматта Аламүдүнгө келишти да, жатаканага жетип барышты. Сапар менен Султан Сейдени ээрчип кирген аялды бүшүркөй карап, бирок тааный албай элейе туруп калышты.

- Сапар, Султан, бул чоң кыз менен таанышып алгыла! - Сейде тамашалап киргенде тигилер эч нерсе дей албай бир бирин карады. Чынында алар Ажарды тааныбай: "Бул аял бизге эмнеге кошулмак эле, деги бул ким болду экен, Сейденин таанышы го?" деп үнсүз туруп калганда Ажар:

- Сапаш, кандай, мени тааныбай калдыңарбы, мен Ажармын! - дегенде Сапар:

- Ажар…, кайсы Ажар, чын эле сен менин Ажарымсыңбы? - деп эки колун созо Ажарга жүткүндү. Экөө кучакташып туруп калганда Ажар:

- Мени кечирип кой, Сапаш, мени… мени бир тууган сиңдим таанып калып айылга алып кеткен.

- А мен сени кандай гана издебедим, күтпөдүм! Канча түндөрдү уйкусуз өткөрбөдүм, сенсиз жашоо мен үчүн супсак сезилип айламды таппай калганда Султан менен Сейде жолугуп, менин жүрөгүмдүн оорусун айыктырды, алаксытты, көңүлүмдү көтөрдү.

- Мени кечирип кой, жаным, мен да сенсиз ал жакта жашай албай качып келдим, - Ажар Султанга көңүл буруп, - Султан мени кечирип кой, сени менен учурашпай эле… - деп колун суна Султан менен кол алышты.

Божурашкан теңтуштар көпкө чейин кобурашып, сырдашып, ортолорунда жайнаган дасторкон толо тамагы болбосо да көңүлдөрү көтөрүңкү болуп отурушту. Акыры жатарга келгенде баары ордуларынан туруп, Сейде орун салууга киришти. Төшөнчү дегени эле болбосо капкара болуп майланышып же жылуулугу жок, ар жеринен пахтасы көрүнгөн бирдемени салып берди Сапар менен Ажарга. Аргасыз Сейделерден уялганынан эптеп төшөккө кыңкайды, анын жанында азыр бири бирин бир айдан ашык убакыттан бери бир көрүүгө зар болгон адамы бар эмеспи, ошон үчүн ал бул түндү өзүнчө бактылуу өткөрүүгө, ушул түн ал үчүн керемет түн болчудай баарын унута Сапарын кучактай төшөккө баш урду.

ooo

Доорон күндөгүдөй эле койлорун короодон чыгарып Акжолтойдун алдына салып берип коюп артынан чабдарын минип алып жөнөдү. Акжолтой эч нерседен капары жок койлорду жайып коюп таштын үстүнө отуруп калды. Күн көтөрүлгөн кезде артынан келген Доорон аттан түшүп чылбыр менен аттын алдыңкы бутунан тушап коюп Акжолтойдун жанына отурду.

- Акжолтой, - деди анан аны үңүлө карап, - сени менен сүйлөшөйүн дедим эле…

- Эмнени, ата? - Акжолтой балалык байоо көздөрүн алаңдата Дооронду суроолуу карады.

- Уулум…, уулум, сени алып келгенимдин себеби сенин атаң бар биерде… сен жетим эмессиң!

- Эмне дейсиз, менин атамбы, кантип эле, менин атам өлгөн да?!

- Жок, уулум. Сенин атаң бар, ал сенин экинчи атаң болчу, өзүңдүн атаң бар!

- Чын элеби? - Акжолтой шаша-буша чөнтөгүнөн кагазга оролгон төрт бурчтуу немени ала коюп ача баштады. - Менин атам мына бул, мына көрсөңүз, мен алтыга чыкканда өлүп калган.

- Ал сенин өгөй атаң болчу, уулум, ал сенин атаң эмес, өз атаң башка!

- Калп, калп айтып жатасыз! - Акжолтой ордунан тура чуркап тээ төмөн карай бир топко барып токтоп калды. Ал ыйлап жатты, анын артынан келген Доорон акырын ийнине колун коюп:

- Сенин атаң Медет, уулум, сенин атаң Медет! - деди.

- Ишенбейм, эмне үчүн анан мени издеп барган эмес, эгер атам экени чын болсо барат эле го? - Акжолтой жаштуу көздөрү менен Дооронду жалдырай карады.

- Ал барганда сени апаң көрсөтпөй койгон экен.

- Эмне үчүн?

- Мен кайдан билем, уулум. - Экөө тең ошол бойдон үнсүз көк шиберге отуруп калышты. Акжолтой: "Мага жаңы кийимдерди алпергени ошол тура, эмне эле ар нерсени алып келип бере берет десе, көрсө… көрсө атам тура" ойлуу отура берди. Ошол күнү Доорон менен Акжолтой кечке ата-баладай койдун ар жак, бер жагын тосуп кечинде гана койлорун короого айдап келишти. Доорон үйгө кирип кемпирине:

- Ээ кемпир, баняны жактырчы, Акжолтойум жуунуп чыксын, эртең менен экөөбүз Жаркындыкына барып келели, койду болсо эртең уулуңду чакыртып кайтарт! - деди.

- Макул, Акжолтойум эс алып алсын, - деген эне сыртка чыгып балдарына баня жаккыла деп дайындап коюп кайра кирди. Акжолтой үн дебеди, анын өзүнүн балалык жандүйнөсүндө бул болуп жаткан түш сыяктуу окуянын калп же чын экенине ишене албай дүрбөлөң түшүп жатты. Күндөгүдөн башкача түнөрүп кабагы салыңкы, ал азыр оюна койсо кадимки чоң кишидей болуп тайкесине барып чындыкты сурап келүүнү ойлоп койду: "Эгер алар менин атам экенин айтып берсе ишенем" деген ойго келди да, жуунуп келип ордуна жатты.

Эртеси Доорон Акжолтойду атына учкаштырып кыз-күйөөнүн үйүн көздөй жөнөдү. Алар келгенде Медет сыртта жүргөн. Акжолтойду учкаштырып келген кайнатасын көргөндө анын муундарын майда калтырак басып жүрөгү дүк-дүк сого баштады. Канткен менен сыр билгизбей аларды утурлай басып атын алууга умтулду:

- Келгиле, ата, - Медет андан башка сөз оозуна кирбей Доорондун артындагы Акжолтойго көңүл бурбагандай сүйлөдү.

- Келдик, Акжолтойум экөөбүз силерге айылчылап келдик.

- Аа-а, келгениңер жакшы, кандай Акжолтой? - Медет эми гана көргөндөй Акжолтойго колун сунду. - Ассалоому алейкум!

- Аллеки салам, - Акжолтой кабагын бүркөй алик алды да: - сиз сиз менин атам болосузбу? - деп Медеттин көздөрүнө тигилди.

- Ооба, ооба, мен сенин атаңмын, ишен алтыным, мен сенин атаңмын, сен жетим эмессиң! - деген Медет Акжолтойду кучактап алып өпкүлөп да, ыйлап да жатты. Ушул учурда үйдөн чыга калган Жаркын, Алтынчач жана кичинекей инилери болуп Акжолтой менен Медетти карап турушту. Доорон короону аралап басып кетти. Көптө барып кана ата-бала моокуму кангандай эки бөлүнүп, Медет Жаркындарды карап:

- Мына көрдүңөрбү, бул силердин агаңар, менин уулум! - деп Акжолтойду жетелеп үйгө кире бергенде, - Жаркын, баланы үйгө киргизбей туруп башынан суу айлантып чаччы! - деди.

Үйгө киргенден кийин Доорон Медетти карап ойлуу минтти:

- Эми силер тынч эч алгыла, ата-бала сүйлөшкүлө, мен барайын, мал да кароосуз калды эле… - деп ордунан туруп жөнөгөндө Акжолтой:

- Ата, мен сиз менен эле кетем, чогуу кетебиз, - деп ордунан тура жөнөгөндө Жаркын менен Медет үндөбөй туруп калышты.

- Жок уулум, сен бул жерде калышың керек, инилериң, карындаштарың менен бирге бол! - деди Доорон.

- Мен бул жерде калбайм, сиз менен кетем. Сиз алып кетпесеңиз анда өз айылыма кетем! - деп Акжолтой ордунан тура калды.

- Акжолтой, бүгүн кал, өзүм жеткирип койойун, - Медет да ордунан тура калып аны кармай калып далыга таптап, чекесинен сүйдү.

- Мени ишенет деп турасыңарбы, "бала, алданып калат" деп ойлодуңарбы, менин ата-энем өлүп калган, аны мен жакшы билем! - деп кыйкырып жиберди.

- Жок, уулум, биз сени алданат деп ойлогон жокпуз, чындыгын айтып жатабыз, сени эмнеге алдамак элек, - Доорон дагы Акжолтойдун жанына кайрылып келип, - андан көрө бүгүн кал да, эки-үч күндөн кийин Медет жеткирип койот, - деди да шарт бурулуп сыртка чыгып кетти. Медет анын артынан чыгып аттандырып узатып коюп киргенде бири бирине койондой окшош уул-кыздарын көрүп анын катарында жаңы эле чөгөлөй отуруп калган Акжолтойду карап балдарына окшоштугун көрүп ичи элжирей тээ өткөн өмүрүндөгү бир үзүмдү эстеп, Феруза менен болгон биринчи түндү ойлогондо жүрөгү зырп этип сайгылашып алды. Ал жаңы эле жанына отура бергенде Акжолтой:

- Мен сиздин атам экендигиңизге эч качан ишенбейм, жок дегенде далилиңиз барбы? - деп көздөрүн жашылданта Медетти тике карады.

- Ооба, садага, далилим бар, ал сенин таякең менен таажеңең, ишенбесең мен сени аларга алып барып келейин, - деди.

- Болуптур, өз кулагым менен угуп ишенейин, анан көрөйүн, - Акжолтой кадыресе чоң кишидей болуп ишенимдүү сүйлөдү.

Ошентип бактылуу үйбүлөнүн катарына дагы бир мүчө кошулду. Алтынчач Акжолтойдун жанынан чыкпай ынак болуп алды. Арадан үч күн өткөндө Медет Акжолтойду ээрчитип Адылдыкын көздөй жөнөдү. Эртеси кечке жуук алар Жамалдын үйүнө келип калышты. Акжолтой Жамалдан коркуп атты.

- Ассалоому алейкум! - деп Медет Адылды көрүп эле салам айтып калганда арытан келе жаткан Жамал аны карап:

- Келгиле, келген экенсиңер, - деп утурлай басты.

- Келип калдык, уулум экөөбүз, - Жамалдан айбыга карап турган Акжолтойду кучактай жооп берди, - силер менен бир учурашып кетели деп эле.

- Кайдагы уулуңду айтып жасакерленип атасың, анын атасы Насыр деген болчу, баланы азгырбай жолуңа түш! - деген Жамал жалган жерден карасанатайлык кылып кол арага жарап калган Акжолтойду колдон чыгаргысы келбей ажылдап кирди.

- Жамал, сен эмне деп жатасың, жапчы оозуңду! - деп Адыл аны кага сүйлөдү эле:

- Жаппаганда эмне кыласың, сенин атаң болом деп баланы азгырган го?! - деп Жамал ого бетер кыйкырды.

- Жамал, ушу сенде уят деле жок, болду кыйкырбачы, андан көрө үйгө кир дебейсиңби, алыстан келишти го? - деп Адыл аялы үчүн уяла түшкөндөй болду, - жүргүлө үйгө киргиле, эшиктен эле ажылдабай үйгө кирели, - деп жол баштап үйгө кирди.

Күйөөсүнүн бул кылганына жини келген Жамал кызаңдай алардын артынан басты. Үйгө кирип отургандан кийин Акжолтой ыйлап жатып:

- Тайке, бул киши сен менин баламсың, мен сенин атаңмын деп жатат, таажеңемдин болсо сөзүн уктум, мен кимдин баласымын, айтыңызчы?! - деди.

- Калп, ал жалган айтат, сенин атаң өлүп калган! - Жамал туурадан чыкты.

- Жамал, сөздү бөлбөй жөн отурчу, бала эмессиң го, бул иш оюнчук эмес, чындыкты айтыш керек, уктуңбу?! - деп Адыл жаны күйө сүйлөдү. - Акжолтой, Медет жездем туура айтат, ал сенин атаң, чындыкты уккуң келсе ошол, атаңды таап жакшы болуптур! - деп жер карап отуруп калды. Жамал эч нерсе дей албады. Медет мандаш токунуп отурган калыбында Ферузанын арбагына багыштап куран окуду да, ордунан козголду.

- Кой, Адыл, биз кайталы, такси чыгып калса кетип калалы! - деп жөнөмөк болгондо Адыл:

- Бүгүн мында эле түнөп алгыла, эртең эрте чыгасыңар, - деди.

- Жок, эртерээк чыга берели, - деп Акжолтойду таппай калды. Көрсө ал сыртта ойноп жүргөн карындашы менен инисинин жанында жүрүптүр. Медет ошол эле күнү Акжолтойду ээрчитип үйдөн узап баратканда аны узата бытыйган колдорун булгалай экөөнүн карааны дарбазанын оозунда турду. Адылдын балдары аларды карап таң кала жанында ойноп жатты.

- Келип тур, Акжолтой! - деген Адыл дагы колун булгап эки кичинекей жээнинин жанында Акжолтой менен Медеттин карааны көрүнбөй калганча тура берди. Ошол убакта үйүнөн чыга калган Жамал аңкылдап койо берди:

- Ийи, аларды көзүң тешилгенче карагыдай эмне күч келди, эк, дегеле ырас болду, эми бул эки шүмшүгүнөн дагы кутулсам жакшы болот эле, - деп Адылды кекетип жатты, - батырбай Жамал кууп ийиптир деген сөздөн кутулганыма кудайга шүгүр…

Акжолтой таякесине ишенди, анткени ал калп айтчу эмес, бирөөнүн көңүлүн да калтырбайт. Ошондуктан Жамал өзүн өзү билип оозунан ак ит кирип көт ит чыга берет. Жол ката экөө тең үнсүз келишти. Медет да үндөгөн жок, аны "ойлонуп өзүн өзү токтотсун" деп ойлоп баратты ал. Акжолтой дагы өз ою менен алек: "Өз атамды таап алганым го жакшы болду, чын эле атам экен, иним менен карындашым кантет, алар кордукту аябай тартышат го" деп ойлуу келатты.

Үйлөрүнө келгенден кийин Жаркын экөө кеңешип туруп семиз кой союп айыл-апасын чакырып Акжолтойду тууган-уругуна тааныштырды. Бир топ күн өткөндөн кийин Акжолтой Медетке мындай деп кайрылды:

- Ата, эгер сиз туура көрсөңүз Доорон атама барып окуу башталганча жардам берейин, эгер ал киши болбосо мен сизди кайдан тапмак элем, жакшылыкка жакшылык жасаш керек, окуу башталганча ошол жакта болоюн, - деди эле Жаркын менен Медет экөө бир бирин карап жылмайып коюшту. - Анын үстүнө аякка көнүп да калыптырмын…

- Эми таята дегин, уулум, ал киши таятаң болот, макулбу?

- Алтынчачтар эле таята десин, мен ата эле дейм, атам өлгөндөн кийин биринчи аталык мээримин төккөн ал киши мага!

Жаркын менен Медет үндөбөй калышты. Бала туруп ушунча акылдуу сөз сүйлөгөнүнө бир чети таң калышса, бир чети ичинен толкунданып турду Медет:

- Ошент, уулум, ошент өзүң каалагандай болсун… - Медет бир аз буйдала түштү да, - бирок экинчи "атам өлгөн" дебей жүр ээ? - деди акырын Акжолтойду далыга таптап, мээримдүү жылмая эркелетип, - атаң мен маңдайыңда турбайымбы!

- Кечирип коюңуз, мен көнүп калыптырмын, - деген Акжолтой сумсая ары басып кетти.

Ошол эле күнү Медет Акжолтойду Доорондун үйүнө жеткирип коюп кетти. Доорон кемпири экөө анын келгенине абдан кубанды.

ooo

Сапар менен Ажар кадимкидей соода кыла баштады. Ажар Сапардын үстүн бир сыйра оңдоп койду. Экөө ээн калганда Ажар ага болгон чындыкты айтты. Ошондо Сапар оозун ачып эле калыптыр:

- Сен кадимки артист турбайсыңбы ыя, чын эле аны өз колуң менен багып, бактылуу экенин өз көзүң менен көрүп келдиңби? - деген Сапар Ажарды ишенкиребей карады.

- Калп айтып жаныма эмне күч келиптир, туурасын айтып жатам, эки айга жакын жыргап эле калбадымбы, жума сайын душка түшүп таза кийим которунуп, аппак шейшепте ханайымдай гана жашадым, ал эми кызыбыздын бактылуу экенин айтпай эле койойун, - деген Ажар ойлуу боло түштү. - Эгер кийин экөөбүз ага биздин кызыбызсың десек жанына жолотпосу бышык.

- Ошондой жерде чоңоюп жатса экөөбүз ага биздин кызыбызсың деп эмнеге айтмак элек, айтуунун кереги деле жок го дейм, - Сапар да ойлуу унчукту.

- Көргөн сайын көргүң келе берет экен, Сапаш, кудайы момун болуп эле ошол үйдүн оту менен кирип күлү менен чыгууга да даяр элем…

- Туура дечи… - Сапар андан ары эч нерсе дебеди.

Күндөлүк турмуштун машакаты менен улам күн айга, ай жылга алмашылып, жыл жаңырып отуруп арадан алты жыл өтүп кетиптир. Бул кезде Сапар менен Ажар соода кылып, жашоолору бир топ оңолуп, бир топ үй эмеректерин алып кадимкидей ирденип, квартира жалдап адам катары жашап калышкан. Соода кылып жаткан жерине кайырчы келеби, бомждор келеби - бар нерсесин аяшпайт, кечээги өткөн жашоосу аларга сабак да болуп, боорукер кылып койгон. Бир күнү алар Эркингүлдү ойлошуп, Ажар ага барып жолугуп келүүнү чечти. Эч нерсе билмексен болуп Ажар ошол эле күнү Жалга барып алардын дарбазасын какты. Көптөн кийин Аида чыгып бир топко аны тааныбай турду да:

- Сизби, кайдан жүрөсүз? - Аида жылмая суроолуу тигилди.

- Ооба, мен эле, кандай жакшы турасыңарбы, Эркингүл чоңоюп жатабы? - Ажар удаа-удаа суроо узатып, кызы жөнүндө уккусу келип турду, - аман-эсен көз жарганың чоңоюп калдыбы?

- Чоңоюп жатат, экөө тең чоңоюп калды, Эркингүл алтыда, кийинки уулубуз беште, Эркинбек деп койгонбуз, кириңиз үйгө, эмне туруп калдык биерге, - деген Аида жадырай күлүп үйгө карай жол баштады. Алардын алдынан чачтары сексеңдеген Эркингүл чыга калып:

- Мама, бул ким?

- Бул дагы сенин апаң болот, кызым, - деген Аида эч нерсени саресеп салбай үйгө кирди.

- Келегой кызым, - деген Ажар Эркингүлдү кыса кучактап өөп-жыттап көздөрүнө жаш кылгыра түштү. - Садага кетейин десе, чоңоюп калган тура.

- Жакында күйөөгө беребиз, - деди Аида тамашалай. Ажардын көз жашын көрүп башкага бурду: "өз баласындай көрүп калган да, анын үстүнө даамыбызды татпады беле" деп ойлоп күлүп койду.

Ажарды жакшылап коноктоду да, Ажардын кетем дегенинен:

- Жашооңуз кандай, жакшы элесизби, кайда туруп жатасыз? - деп сурады.

- Жакшы эле, кагылайын, дурус болуп баратат, мен дагы соода кылганды үйрөндүм.

- Жакшы болгон тура, - деген Аида ички үйүнө кирип көйнөк-жоолук менен кошо бир аз акча алып чыгып берди. - Соодаңызга кошуп кыйналбай жашаңыз, келип туруңуз, жатып кетсеңиз болмок.

- Келип турам, - деген Ажар Эркингүлдү өзүнө чакырып анын бетинен алмак-салмак өөп, анан: - жакшы тургула, аман-эсен болгула, келип турам! - деп дарбазадан чыгып кетти. Жолдо келе жатып Ажар буулугуп ыйлап алды. Татына болуп чоңоюп калган кызын көрүп зээни кейиди. Ал жолдо келе жатып пакетке салган көйнөк-жоолукту анан миң сом акчаны көрдү: "Бул менин Эркингүлдүн энеси экенимди билип жүрбөсүн, ыя?" деди бир ою. "Жо-жоок, боору ооруп берип жатпайбы, өздөрүнө жетиштүү болгон соң берип жатат да" деди бир ою. Ошентип ал кечки маршрутка менен квартирасына келип калды.

- Ийи кандай экен ыя, Эркингүл? - Сапар Ажарды утурлай сурады.

- Эң сонун, эң сонун чоңоюп калыптыр, тим эле татынакайын айт! - деген Ажар өзүнчө кудуңдап жатты.

- Мейли аман болсун, анда мында көрүп турсаң болду да, айла жок.

- Ооба, садагам, аман болсо эле болду. - Ажар Аиданын миң сом бергенин Сапарга айткан жок. Жөн гана көнөк кийгизгенин айтып көргөздү да: - Келип туруңуз деди, сагынганда барып турат, аман-эсен чоңойо берсе көрөөрбүз дагы, - деп ойлуу отуруп калды. Бар менен жоктун, ач менен токтун азабын тарткан киши гана билбесе күндүгүндө жорго мингендер кайдан билсин. Эриш-аркак жашоо чынжырдай чубалып өтө берди. Ажар бир күнү соода кылып отурса бет маңдайына бир тууган сиңдиси Жанар келип туруп калды:

- Ажар эже, кандай? - деп эле кучактап өөп калды. Ажар деле тааныды, бирок аргасы канча, ичинен сызып үнсүз ыйлап турду. Буларды көргөн Сапар бираз тарткынчыктап тигиндей туруп аларды карап тура берди. Көптө барып экөө жөн-жай сурашып кирди. - Эже, же бир дайныңды билдирбедиң, же барбадың - бизден көңүлүң калды беле? - деди Жанар көз жашын аарчып.

- Эмне кылайын, менин абалым ушул болсо кайдан билдирем… - Ажар шыбырай сүйлөдү.

- Мени менен айылга барып келиңиз, бир-эки базар жүрүп дегендей.

- Жок, баралбайм, менен күйөөм дагы бар, кол бошобойт. Балдарың чоңоюп калдыбы, андан көрө күйөө бала жакшы жүрөбү?

- Жакшы эле, балдар бойго жетип жакында бир келин алдым, жашоо кудайга шүгүр.

- Ошондой эле болсун, колуңардан келсе мени унутуп деле койсоңор болот, мен эми айылга баралбайм го…

- Эмнеге, куру намысты коюп, балдарыңа бара берсең болот эле го, бир кеткен бойдон же бизге же балдарыңа барбадың.

- Балдарга барсам кайненем жолотпой койду.

- Ага болбой бара бериш керек болчу, элди, ага-тууганды, айыл аксакалды ортого салып деле балдарды алып берет элек.

- Болоору болду, эми айтканда, өкүнгөндө не пайда, бир өмүр ансыз да өттү шамал учурган камгактай аңга түшүп, дөңгө чыгып…

- Эже, жездем бар болсо деле бара бергиле, тентип жүрөт дегенден көрө эл арасында болгонуң оң го?

- Тентибей эле элдин баары соода жасап жүрүшпөйбү, кудайга шүгүр өз эл, өз жеримдемин!

- Аның го туура дечи, түрмөдөн ары жоголгон жаман экен, кабарлашпай да койдуңуз.

- Кабарлашканда не, аман болсоңор болду.

- Жүрү, эже, жездем экөөң мени менен, товарыңарды табыштап койгула, таанышып сүйлөшүп, чайлашып келели.

- Койсоңчу.

- Койбой эле… - деген Жанар Ажарды ой-боюна койбой колтуктаганда ал аргасыз:

- Болуптур эми, буларды жыйып койойун, - деп товарын жаап, жанындагыларга дайындады да, тигиндейрээкте турган Сапарды кол жаңсай чакырып, Жанарды ээрчий басышты. Ошол эле Ош базарындагы "Насип" кафесине карай баскан Жанар:

- Туптуура майрамдын алды эмеспи, бүгүн жездем менен бир таанышып жакшылап сүйлөшөлү, сырдашалы, - деп тамашалай сүйлөдү.

- Ай Жанар, жүрү үйгө эле барбайлыбы, бул кафең өлгүдөй кымбат, андан көрө бир кил эт алып жасап жебейлиби.

- Койчу эже, акчаны адам табат, мына сизди көрүп кубанычым койнума батпай турам, - деди. - Андан көрө, жезде, таанышып алалы, менин атым Жанар, сиздин сүйгөнүңүздүн кара чечекей бир тууганы болом, кай жердин кулуну болосуз?

- Менин атым Сапар, Көлдөн болом.

- Жакшы экен. - Аңгыча кафеге кирип келишти. Музыка жаңырып, жаштар бийлеп жаткан экен, алар чет жактагы столго отурушту эле, официант келип заказ алып кетти.

Биртопко чейин тамактанып сүйлөшүп отурушту. Сапар ушул тапта тээ бир кездеги бир сындырым нанга жетпей көк муштум болуп, сызда жаткан күндөрүн эстеп, заманасы куурулуп, азыркы стол үстү толгон тамак-ашты ичип отуруп көзүнө жаш тегерене түштү: "Ошол кезде бир адам аяп же боор ооруп койбогонун карачы" деп ичтен күрсүнүп алды. Тамактанып чыккандан кийин бат эле товарынын калганын арзан сатып жиберип үйлөрүнө келишти. Бир чакан бөлмөдө үч-төрт адам болуп жашашчу. Жанар ал күнү алар менен түнөдү да, эки-үч күндөн кийин жумушу бүткөндө Ажар менен Сапарды ой-боюна койбой айылга ээрчитип жөнөдү.

Сейде менен Султан аларды эртеси келип таппай калышты. Алар дале баягыдай жашоодо кыйналып жүрүшкөн. Сапарлар жардам берүүгө жарап калышкан. Кээде келип түнөп, чогуу тамактанып анан кетип калышчу. Бүгүн аларды таппай ал жердеги жашаган жигиттен сурады эле ал:

- Алар айылга кетишти, келээрин же келбесин айтышкан жок, - деди. Ал суточный квартира болгондуктан Султан менен Сейде Сапарлардын ордуна төлөп алардын буюмдарын урунуп жашап калышты. Канча күткөн менен алар келбеди.

Ажар айылына барганда аны туугандары башын куттуктап өздөрүнчө үйгө киргизип бүт жашоосуна кам көрүп, эшигине бирин-экин мал байлап беришти. Айылда огород менен жан бакса болот эмеспи. Алар да жатып албай жер айдап, эгин эгип бөрүдөй оокат кыла башташты. Ажар бир күнү Сапарга:

- Ыя Сапаш, Эркингүлдү дагы бир көрүп келсем кандай болот? - деди. - Мына, быйыл оналтыга карады.

- Барсаң барып келсең болот, бойго жеткенде айла канча, ошол кезде деле төркүндөрүңө келсең болмок экен. Өз колубузда өсмөк кызыбыз.

- Ал кезде намыс деген күчтүүлүк кылып туруп албадыбы, Жанар алып келбесе эч качан келмек эмесмин.

- Аның туура, кемпир, эми аман болсо болду, андан көрө барып кел.

- Эртең барып келейин, - деген Ажар үндөбөй ойлуу отуруп калды.

Эртеси жолго чыгып күүгүм ченде Бишкектин Жал айылына жетип келди. Ажар Тураттын дарбазасын такылдатты эле эшикти Эркингүл ачты. Ал бейтааныш аялды көрүп таңдана:

- Сизге ким керек? - деди.

- Оо кагылайын десе, Эркингүлүм бойго жетип калган тура, мени тааныбай калдыңбы, садага?! - деп кучагын жая калганда ал кетенчиктей калды. Аңгыча үйдөн Аида чыга калды. Ал Ажарды көрүп эле:

- Оой эже, кайдан, кириңиз үйгө, кеч кирип кетти, - деп жакшы тосуп алды.

- Келдим, садага, келдим, кандай жакшы жатасыңарбы?

- Жакшы эле, эже, жакшы. Өзүңүз кандай жүрөсүз? - Аида жаркылдап сүйлөп жатты. Ошол убакта Эркингүлдүн жанына дагы эки эркек бала келип туруп калды. - Жакында Эркингүлдү күйөөгө беребиз, - деди күлүп тамашалай.

- Бактылуу эле болсо болду.

- Мен окуйм, күйөөгө тийбейм! - деди Эркингүл.

- Окутабыз, папаң сени окутпай күйөөгө бербейт, алтыным десе. Сени күйөөгө берип, жакшы жерден куда күтсөк деп кубанычыбыз койнубузга батпай турат. Эки келин алдык.

- Ой келин алдыңарбы, келин кут болсун!

- Рахмат, эже, - деген Аида нарыдан-бери дасторкон жайып, тамак-ашын жайнатып жиберди. - Сизди көп ойлойм, кантип жашап жатты экен деп. Заман өзгөрүлүп турганда.

- Мен үчүн кам көргөнүңө ыраазымын, сен болбосоң ким билет, эми кудайга шүгүр…

- Эч нерсе эмес, эже, адамдар колунан келсе бир бирине жардам бергени жакшы го?!

- Ал айтканың туура дечи, ошентсе да эгер силерге жолукпаганымда ким билет, кээ бирөөлөр жардам бермек турсун эшигине жолотпойт.

Ошентип алар кобурашып отурганда Турат келди. Ал дагы Ажарды көрүп күлө салам айтты:

- Келиңиз, эже, кандай жакшысызбы?

- Жакшы, айланайын, жакшы, өзүңөр аман-эсен жатасыңарбы?

- Кудайга шүгүр, келип калыпсыз?

- Келдим айланайын, силерди төркүн санап эле келип калам.

- Келгениңиз жакшы эмей, келип көпкө жүрүп кетип туруңуз.

- Макул, садага. - Аңгыча булоолонгон оокатты көтөрүп Эркингүл келип калды. Көпкө чейин кобурашып, аркы-беркиден сүйлөшүп отуруп анан жатууга кам урушту. Ажар бул арада сүйлөшүп отурганы менен эки көзү, эси-дарты Эркингүлдө болуп, анын кыймыл-аракетин байкап отурду. "Эстүү болуп чоңойгон экен" деп ичинен ойлонуп ыраазы болуп отурду. Түн бироокумга чейин Аида менен Ажар сүйлөшүп отуруп, анан уктады.

Ажар эки күн туруп, анан кетүүгө камынды. Аида жолго деп дагы тыйын берип узатты. Куданычы койнуна батпай үйүнө карай келе жатты. Бираз таттуу алып келди шаардан. Сапарга кубанычын айтып жеткиралбай отурду, анын сөзүн угуп отурган Сапар да ичинен кубанычтуу жылмайып:

- Мен ошону билгем, кызымды өксүтпөй багаарын билгем! - деп койду.

- Садагам, тим эле татынакай болуп бой жетип калыптыр, бой келбети жарашып, өзүмдүн эле жаштыгымды көргөндөй болдум.

- Ошентсин, акыры бир кез келээр, биздин кызыбыз экенин айтып түшүндүрүүгө.

- Билбейм, кандай гана алчаңдатып багып отурушат, башка экенин билгизбей багып өстүрүп жаткан эмелер укса болбой калат го, анын үстүнө мен да далай эле даамын таттым.

- Анда айла канча, эптеп катышып алышыбыз керек.

- Ошондой десең, катышып алышыбыз керек, чын эле! - Ажар алтын таап алгандай кубанып кетти.

Ошентип, алар сүйлөшүп отурушту. Күзгө маал оруу-жыйуу убагында иш кычап турганда тыным алуу кайда. Огородундагы картошкасын казып ташып киргизүүгө аракет кылып жатты. Ушундайда баланын кадыры билинет тура. Элүүдөн ашып алтымышты таяп калганда ички-сырткы түйшүктү тартуу экөөнө тең эле оор боло баштаган эле.

ooo

Акжолтойдун Медеттин колуна келгенине үч жылга аяк басты. Кадыресе чоң кишидей болуп, Медетке арка-бел, акыл кошчусу болуп калган. Медет аны окутууну көздөп жүрөт. Дагы бир жылдан кийин Акжолтой мектепти бүтөт, андан кийин Алтынчач окуусун бүтөт. Экөө тең абдан жакшы окушат. Эгиз козудай болуп бири бирине окшошкон балдарын көргөн Медет ичтен кубанып да, өкүнүп да алат: "Эгер ушинтип жашап калаарын билгенде…" деп алат ал: "Ферузанын кетип калганына ызаланып эле ошол ишке барбадымбы, кудай кечирээр?" деп ойлонуп, өзүнчө бушайман болуп кетет. Бир күнү Акжолтой кой жайып барып түштө кой жуушап калганда көк шиберге жатып алып көзү илинип кетет. Ошол кезде түш көрөт, түшүндө бир бийик тоонун башында жүрүптүр. Айланасын суктана карап отуруп эле тээ алыстагы тоонун башына ой конуп калганын көрөт. Аны карап туруп эле негедир өзүнөн өзү көтөрүлө баштайт. Караса баягы ай конгон тоонун башына колу жетип айды колуна алайын дегенде ойгонуп кетти. Чоочуп ойгонуп кетсе жуушаган койлор эбак эле жайылып оттоп жүрүптүр.

Кечинде койду короого айдап келип үйгө киргенде Акжолтой көргөн түшүн Медетке айта баштады эле ал:

- Уулум, караңгыда түш айтпайт дечү эле, түшүң абдан жакшы түш экен, зоболоң көтөрүлөт, чоң кызматка турат окшойсуң! Омийин! - деп Медет жакшы тилек айтып бата кылып жиберди.

- Мектепте Акжолтой классындагылардын отличниги, класскому болчу. Класстагы бүт окуучулар сыйлашат. Мугалимдер да жакшы көрөт. Улам чоңойгон сайын ойлуу болуп баратканынан Медет аны алаксытып ага көбүрөөк көңүл бураар эле. Ан сайын көңүлү чөгүп: "Мен го минтип атамды таап алып жыргап чоңоюп жатам, иним менен карындашым кантип жатат болду экен?" деп ойлоно берчү. Ал оюнда бат эле чоңоюп үйлөнүп, бир туугандарын колуна алып карагысы келет. Балалык кыялы алда кайда учуп түндөрдү түрүп ойго берилип уйкусу качат.

Ошол айылда эле Бакберген деген абдан жакшы жашаган адам бар болчу. Ал Тураттын атасы эле, ал өлгөндөн кийин эки небереси үйлөнүп шаарга кетип калышып, Калыс эне үйдө жалгыз калгандыктан Турат менен Аида кеңешип туруп Эркингүлдү айылга алып келип таштап кетишкен. Эркингүл онунчу класста окуучу. Ал Алтынчачтын классына келип кошулду. Эркингүл айылдын мектебине келгени балдар аны карай бергенинен өзүнчө тартынчу болду. Көпчүлүк балдар катары аны Акжолтой дагы акмалап жолун тосуп, бирок сөз айтуудан тартынды. Алар кайчы жок менен өтүшөөр эле. Бир жолу Акжолтой атайы анын артынан түштү да бара берди. Жолдон бурулуп кетээринде Акжолтой чымын-куюн болуп жүгүрүп анын алды жагына өттү да:

- Чоң кыз, таанышып албайлыбы? - деди. Эркингүл Акжолтойду жылмая карады да:

- Менин атым Эркингүл, - деди.

- Меники Акжолтой! - ал колун сунду эле, Эркингүл да колун сунду. - Бакбергендин эмнеси болосуң?

- Небереси болом.

- Аа-а, ошондой де, - Акжолтой чоң кишидей күлө бага сүйлөдү. - Мурда сендей кыз келчү эмес эле.

- А сиз кайсы класста окуйсуз?

- Мен он биринчи "а" класста окуйм.

- Жакшы эмесе, мен барайын, биз эми таанышпыз да, ээ? - деп Эркингүл ажарлуу жылмайганда ууртундагы уячасы ага ушунчалык көрк берип турду.

- Бираз турбайлыбы?! - Акжолтой кыйыла суроо узатты.

- Эл деген жаман, айрыкча айыл элин билесиңер го, дароо ушак кылышат Анын үстүнө өзүмдүн да убактым жок, үйдө карыган чоң энем бар, мени күтүп жалгыз отурат.

- Эмнеге ушактамак эле?

- Эл деген эл да, мен барайын анда, Акжолтой, жакшы калыңыз, - деген Эркингүл жылмая колун сунду.

- Макул анда, жакшы бар!

- Пока!

- Эртеңкиге чейин…

- Завтра увидимся! - деген Эркингүл ылдамдай басып узап баратты.

Акжолтой аны узата карап ойлуу турганда мектептен келаткан Алтынчач токтой калып:

- Охо-оо-ой, силер качантан бери таанышсыңар ыя? - деп сурады таң калгандай.

- Жаңы эле… - Акжолтой карындашын сумсая карап алды да, үйдү көздөй кеткен төтө жолго түшүп жөнөдү. Алтынчач абдан шок, шайыр, ачык-айрым кыз эле. Ал азыр агасына жылмая тамашалай минтти:

- Эркингүлдү көргөн эле жерден жабышып сүйүп калгандардын катарына качан кирдиң эге, байкеси, жана канчанчысы болдуңуз?

- Мен биринчиси жана акыркысы болом… - деп Акжолтой артын карабай кетип жатып күңк этти.

- Анда куттуктайм! - Алтынчач үндөбөй калды.

Алтынчач классындагы кыздардын ичинен алдыңкысы болчу. Сулуусу да, акылдуусу да эле. Эркингүл келгенден бери Алтынчачтын артынан кат жазып жүгүрүп жүргөн балдардын баары анын артынан жүгүрүп калганга анын жини келе баштап ызаланып да жүргөн эле. Эми минтип аны агасы да шынаарлап калганга жини ого бетер келип турса да үндөбөдү.

Эркингүл бойун көтөрбөйт, ак көңүл, боорукер, таза, тыкан, орус тилинде жакшы сүйлөйт. Ал эми Алтынчачта айылдык уяңдык бар, оюндагыны тартынбай ачык айткан менен уялчаак, шар жүргөн кыз. Ошентип экөө адегенде короздой эле бир бирин тикчийе карап аңдышмай оюнун ойногондой эле тымпыйышат. Кантсе да жергиликтүү эмеспи Алтынчач: "мен жеңем, мен сени басып өтөм" дегендей мыкчыңдайт.

Бир жолу Алтынчач сабактан кийин магазинге кайрылып калып үйүнө кечирээк келе жатса алдынан ошол эле айылдык, тартиби жаман деп элден чыгып калган Советбек аттуу бала чыга калды.

- Чоң кыз, жеткирип койойунбу? - деди ыржалактап.

- Барчы ары, мени жеткирчү сен эмессиң! - деп Алтынчач тескери бурулуп басып кетээрде ал шамдагайлык менен анын колунан кайрый кучактаганга аракеттенип жатканда кайдан-жайдан келип калганы бегисиз Эркингүл пайда болуп аны жаактан ары койду да:

- Азыр жолуңа түш, болбосо милиция чакырам! - деди. Советбек унчукпай Алтынчачты койо берип басып кетти. Алтынчач ыйлап алган. Эркингүлдү көрүп:

- Рахмат, Эркингүл! - деди жер карап.

- Эч нерсе эмес, жүрү кеттик! - деди ал жерде жаткан Алтынчачтын сумкасын алып колуна берип. - Мындайлар боло берет, сак болуш керек. Мен почтадан келе жаткам.

- Эркингүл, сен мени кечирип койчу, мен…

- Эмнени айтып жатасың, экөөбүз уруштук беле? - Эркингүл Алтынчачты бажырайа карады.

- Жок, бирок өзүң түшүнөсүң да…

- Эч нерсе эмес, биз эми доспуз, экөөбүз дайым биргебиз, сен мага жагасың, - деген Эркингүл Алтынчачтын көзүнүн жашын аарчып кучактады. Экөө ынак достордон болууга антташты. Ошондон кийин экөө сабакка бирге келип, бирге кетишет. Булардын ынтымагын көргөн башкалар аларга суктана баштады. Улуулар да, классташтары да экөөнө кат жазып, сүйүүлөрүн билгизгенче далбасташып, эртели кеч короолорунун четинде. Ал эми келген каттарды экөө бирге окуп, кээсине күлүп тим болушса, кээсине жооп берүүнүн ордуна шылдыңдан мазакташат.

ooo

Убакыт учкан куш менен аккан суудай биринин артынан бири өтүп жатты. Сапар менен Ажар болсо орто чарба күтүп, кадимкидей ирденип да калышты. Өткөн он жылдык мусаапыр жашоолорун эстегенде ичиркенип алышат. Бүгүн да эртең менен эрте турган Ажар:

- Сапар, биздин Эркингүл быйыл мектепти бүтөт, куттуктап барып келсемби, мурункуга караганда бөрүдөй эле болуп калдык го? - деди чайга отуруп жатып.

- Барсаң барып кел, бирок эмне белек бересиң ыя?

- Эмне белек бермек элек, жакшы саат алып барайын.

- Макул, өзүң эле бил, кокус билинип калып таптакыр кызыңдан кол жууп жүрбө! - деп Сапар жүйөөлүү сөз айтты.

- Ырас эле десең. Бирок мен ага билгизе койбойм, мектепти бүтүшүң менен деп эле берип койом да.

- Эмнеси болсо да этиет бол, баланы кыйнап койосуң.

- Макул, байкатпаска аракет кылам, - деген Ажар ичинен бир нерсени ойлонуп ишке ашырууну көздөдү. Эртеси шаарга жөнөөгө шашпай эле, ошол эле айылдын алтын саткан дүкөнүнө барды. Ал жерде алтын сааты да, сөйкө-шакеги да, билериги да бар болчу. Ажар тандап туруп кыздарга ылайык эң жакшы деген кымбат сааттан алды да, үйүнө келди. Бул кезде Сапар үйдө жок болчу. Саат колго тагылчу саат болгону менен чоң болчу, аны Ажар ачып артына кичине кагазды тегерек кылып кесип туруп: "Эркингүл, сенин мектепти бүтүшүң менен куттуктап ата-энең Сапар, Ажар" деп жазып кайра ичи-жигин билгизбей жаап койду. Ошонун эртеси сары май менен сүзмөсүн алып шаарга жөнөдү. Ал келип дарбазанын кнопкасын басканда үйдөн Аида өзү чыкты.

- Келиңиз, кириңиз үйгө, - деди ал, жаңы эле уктап ойгонгондой түрү бар.

- Келдим. Кандай, жакшы жатасыңарбы?

- Жакшы эле.

- Эркингүл быйыл мектепти бүтөт эмеспи, ошону куттуктап койойун деп эле…

- Аа-аа, ал айылда, кайненем үйдө жалгыз калганынан айылга жибергенбиз. Ал быйыл окуусун бүтпөйт, эмдиги жылы бүтүп, анан окууга тапшырат.

- Ийи.. - деген Ажар дендароо болуп эле сүйлөөгө дарманы келбей туруп калды.

- Кайненем карып калган, кайним быйыл шаардан көчүп барышса анан келерки жылы Эркингүлдү окууга киргизебиз, - Аида дасторкон жайып жатып сүйлөп жатты: - Бүгүн Эркингүл менен кайненем келет.

- Ийи-ии, - деген Ажар дале өз ою менен алек боло берди: "Менин келе бергенимден улам алы атайы айылга кетирген экен, билип калышкан го?" деп ойлонуп отурганда Аида:

- Ийи эже, жашоо кандай анан, деги өзүңүз жакшы жүрөсүзбү? - деп калды.

- Жакшы-жакшы, жашоо курусун, айланайын, силердин жардамыңар менен эптеп адам болуп баратам, ошон үчүн жакшылыкка жакшылык деп, жок дегенде кызыңардын окуусун бүтүп жатканда куттуктап койойун деп келип калгам. Эми кеч боло электе кетейин.

- Кой, чай ичип кетиңиз, кеч болсо эмне жатып алып эртең деле кетесиз да, - Аида ичинде арам ою жок эле чындап айтып жатты.

- Кайсы айылданбыз дедиңер эле?

- Ысыккөлдүн Жетөгүзүнөн.

- Аа-аа, - деген Ажар: "Капырай, менин эле айылым го, ким деген болду экен" деп бираз тунжурай түштү. - Ким деген эле кайнатаң?

- Бакберген, - деп алып эшикти карап калды Аида, - атын айткандан тартынат экенсиң киши, кайненем Калыс деген жетимиштен ашып калды.

- Ийи, мейли чоң энесин бакпай анан, эне ошону тилейт тура кудайдан.

- Кызыбыз бойго жеткен сайын ар кайсы тааныштарыбыз куда болууга сөз салып атышат. Бирок атасы аны окутмайын күйөөгө бербейм деп жатат. Өзү алып келем деп кеткен.

- Аман болсун. Эмесе Аида, бул саатты атайы Эркингүлгө алган элем…

- Анда өзү келет, өз колуңуз менен эле бериңиз, азыр келип калышат.

- Макул, күтсө күтөйүн. - Ажар жайланып отуруп калды.

Кечке маал үйдүн жанына машина келип токтоду да, андан Эркингүл менен Калыс эне түшүп, үйдү карай басышты. Ажар аны терезеден карап туруп: "Ой кудая тобо-оо, ушундай да болот экен ээ, өзүмө эле окшош тура?" деп ойлонуп, тээ качанкы өтүп кеткен балалык чагын көз алдына элестетти:

Анда дал ушул Эркингүл сыяктуу мектепти жаңы бүтүп жаткан. Акыркы экзамен күнү көп кат жазгандардын бири аны ала качууга камынган экен, болгондо да эң жаман көргөн бала. Жанына келип токтогон машинадан үч-төрт бала түшө калып Ажарды кармай койойун дегенде ал дароо аларды муштап-муштап жибергенде экөө эки жакка кетенчиктей калды эле, дагы бирөө жабышканда аны чатка тээп жиберди. Ошондо кыз жан-алы калбай жүгүрүп, короосу жок бир үйгө кирип барып бекинип калган. Бирок артынан куугун келген эмес. Көрсө ала турган жигит: "Кой тим койгула, бул мага бүлө болуп жарытпайт деле" деп кетип калыптыр…

- Айланайындар, кандай жакшы жатасыңарбы, балдар чоңоюп жатабы, - деген кемпирдин үнүнөн Ажар карай салса Эркингүл чоң энесин колтуктап үйгө кирип калыптыр, - Туратым болбой эле алып келбедиби, болбосо келбейт элем… - деп Калыс эне төргө салынган төрт кабат төшөккө олтурду.

- Жакшысызбы эне, кандай Эркингүл, окуулар жакшыбы? - Ажар кемпир менен учурашып, анан Эркингүлдү өөп, бекем кучактап эки бетинен алмак-салмак жыттап жатты, - окууну бүтүшүң менен, садагам! - деп Ажар эмелеги Аидага көрсөткөн саатты Эркингүлгө сунду.

- Рахмат, жакшы. - Эркингүл салкын гана саатты алып ички үйгө кирип терезеге коюп койду. - Мен быйыл бүтпөйм да, - деп үйгө кирип кетти.

Андан кийин бабырашып көпкө чейин тамактанып отуруп, Эркингүл Аиданы кайра-кайра чопулдатып өөп сагынычы жазылбай жатты. Аны көргөн Ажардын ого бетер жүрөгү тилинип канап жатты…

Ажар эртеси эрте жолго чыгып кетти: "Ушинтип эркелетип багып жатса мени эне катары көрмөк беле, менин энелик укугум тебеленди, эми мен Эркингүлгө эне эмесмин, эне эмесмин!" деп ыйлап баратты…

Арадан үч-төрт күн өткөн. Эркингүл Ажар алып келген саатты караган да жок. Анткени анын колунда күмүштөн сааты бар болчу, ал өзүнө жакчу. Ошон үчүн ал белек анын көңүлүн бурган да жок. Аида терезеде турган саатты ала коюп: "Белекке берсе болчудай экен, жок дегенде төрт, беш жүз сом турат болуш керек, бүгүн барчу туулган күнгө алып барып койойун" деген ойдо аны колуна кармап: "Эркингүлдөн бир ооз сурап койойун" деп сырткы үйгө чыгып келатып колунан түшүрүп алды. Жерге түшкөн сааттын арты ачылып тегеренип кетти. Аида эңкейип саатты алып артын жаба койойун дегенде аерде жабышкан ак кагазды көрдү да көңүл бура калып карады эле анда: "Эркингүл, мектепти бүтүшүң менен куттуктайбыз, ата-энең Сапар, Ажар" деген жазууну окуп делдейип эле туруп калды. Көрсө кагазды салганда чала жабылып калган экен: "Кызык, бул аял эмне эле көп келет десе мында бир иш бар тура. Эркингүлдү мынчалык эмне жакшы көрөт десе…" деп делдейе кагазды колуна кармап мыкчып туруп калганда Эркингүл алдынан чыга келди:

- Мама, мен базарга чыгып келейинчи? - деди эркелей.

- Барсаң барып кел, - Аида дагы эле ойлуу, жүрөгү бир кызыктай болуп турду. Анын эркин кызганыч ээлеп алды: "Мүмкүн бир жерде аңдып туруп сенин апаң мен болом деп алып кетип калсачы?" деген ойду ойлогондо Эркингүлдү жалгыз жөнөтүүдөн коркуп кетти. - Жок, Эркингүл, сени жалгыз жөнөтпөйм! - деп жиберди Аида.

- Эмнеге, мама, өзүм эле барып келем.

- Жок-жок, экөөбүз барабыз, - деген Аида өзү да кийине баштады. - Бүгүн биз туулган күнгө барабыз да, аны-муну алыш керек. - Анын шылтоосу ошол болду.

Эркингүл менен Аида ээрчишип алып Ош базары эмес, Дордой базарын көздөй жөнөштү. Бара жатып Аида ичинен ойлоп жатты: "Баягы жаңы ташталган кезде да Ажар, Сапар деген жазуу бар болчу, көрсө бул аял соо эмес тура?!" деп ичтен сызып, сыртына билгизбей бара берди. Ал эми Эркингүлдүн оюнда эч нерсе жок, Акжолтойдун жакында боло турган туулган күнүнө белек алуу керек болчу. Бирок Аиданын көзүнчө кантип алуунун амалын билбей атты. Акыры ал бир жол ойлоп тапты: "агайдын туулган күнүнө алып берем дейин" деп ойлоду да:

- Мама, мага эркектерге керектүү галстук тандашыңызчы, жакында агайдын туулган күнүн куттуктап койолу дегенбиз, анан кыздар-балдар чогулуп акчасын беришкен, шаардан ала кел деп.

- Эмне болгон агайың эле?

- Класс жетекчибиз.

- Аа-аа, мейли жүрү анда, - деген Аида ары жайнаган галстуктарды көздөй басып барды да: - Агайың жашпы же улгайганбы? - деп Эркингүлгө карады. Ал шашып кетти:

- Жок-жок, жаш эле, молодежный галстук ала бериңиз, бирок абдан жакшысы болсун!

- Мына бул болобу? - Аида жол-жол кара галстукту көрсөттү.

- Жок, ал болбойт ко?

- Анда мына бул жаштарга абдан жакшы жарашат, ушуну алалыбы? - деп Аида кызыл-күрөң жол-жол галстукту көрсөттү.

- Болот, - Эркингүл да ошону жактырды.

- Муну берип койсоңор? - деди Аида.

Сатуучу галстукту татынакай кылып ороп берди. Андан ары экөө аралап, керектүү буюмдарын алды. Анан Эркингүлгө кожаный куртка алып берди да, үйүн көздөй жөнөдү. Бирок Аиданын ою бир жерде болбой, алагды боло бери: "Туратка айтсамбы же айтпай эле койсомбу?" деп ойлонуп, кайра: "Айтпай эле койойунчу, аны деле кыйнабай, бирдеме болуп баратса көрдүм да" деген ойго токтоду да: "Эркингүл го эч нерсе билбейт, билген күндө да ошого ишенмек беле, ишенбес…" Анын ойлуу боло түшкөнүн байкаган Эркингүл:

- Мама, эмне болду, эмнеге ойлонуп калдыңыз? - деди жадырай карап.

- Эч нерсе, кызым, бүгүн папаң экөөбүз конокко барабыз, анан.. анан жанагы аял келсе экинчи киргизбей эле койчу, - дегенин Аида өзү да сезбей айтып алды.

- Эмне үчүн, ал жакшы аял экен, болгону мусаапыр, эч кимиси жок экен дебедиңиз беле?

- Ооба, ошенткем, бирок эми кереги жок, үйгө киргизбейбиз.

- Ийи, - деген Эркингүл кайдыгер унчукту. - Чоң энем кайра эле эртең кетебиз дейби?

- Ооба, үй-жай ээн калды дебаткан.

Экөө жай басып кобурашып үйгө келишти. Күнүмдүк көнүмүш оокатын жасап кирген Аида ойдон алаксый түштү. Бирок Ажар, Сапар деген сөздөр анын жүрөгүнө өчпөс болуп жазылып калгандай эле болду. Эси-дарты Эркингүлдө: "Кечирип койгула, мен ата-энемди таптым" деп басып кетеби? Анан ал Ажардын адеп келген күнүн эстеди: "Ошондо абдан жүдөө эмес беле, көрсө алар бомждор болсо керек, багалбай калганда атайы биздин эшикке таштаган го, эне деген кыйын го, кыялбай же биротоло унуталбай келип жүргөн тура. Эми эмне болот, эмне кылыш керек?" деп кыжаалаттана берди Аида.

ooo

Арадан билинбей убакыт өтүп, Акжолтой мектепти бүтүп акыркы коңгуроо күнү ал окуучулардын арасынан Эркингүлдү издеп жатты. Өзүнчө толкунданып алган. Апапак көйнөгүнө Эркингүл туулган күнүнө белек кылган галстукту тагынып алган. Бир кезде тогузунчу-онунчу класстар турушкан катардан Эркингүл менен карындашы Алтынчачтын катар турганын көрө койду.

Жаркырап тийген күндүн алдында жадыраган окуучулар шаңдуу шайыр маанайда демейдегиден башкача кубанычтуу. Бир кыз, бир бала болуп эки экиден топтолушуп каткырып күлүп калышат. Майда класстын балдары андан бетер кубалашып ойноп чечекейлери чеч. Бир кезде Алтынчач Эркингүлдү карап тамашалай минтти:

- Сиздин мырзаңыз аябай тынчсызданып жаткан көрүнөт, жолугуп көңүлүн ачып куттуктап коюңуз! - деп ары басып кетти. Анткени өзүнүн да жигити мектепти бүтүп жаткан, ага жолугуу үчүн эптеп шылтоо таап жылган болчу. Эркингүл менен Акжолтойдун мамилелерин билип калган балдар ага тийишкенин койгон. Азыр Акжолтой менен Эркингүл экөө эркин эле жолугушуп сүйлөшө беришет.

Эркингүл Алтынчач басып кеткенден кийин Акжолтойдун жанына басып барды:

- Куттуктайм! Учкан уяң мектебиңден канатың кайрылбай көкөлөй бер, мырзам!

- Рахмат! - Акжолтой дагы ага карап жылмайып койду.

Экөө көпкө чейин сүйлөшүп турушту. Адатта акыркы класстагылар чогулуп вечеринка уюштуруусу анык эмеспи. Алардын жанына Акжолтойдун классташтары келди да:

- Акжолтой, кечинде биз менен болосуңбу? - дешти эле ал:

- Сөзсүз да, - деп жылдызы жана жылмайып койду. Ушул кез Эркингүл аны ого бетер сүйүп турду. Классташтары кеткенден кийин Эркингүл:

- Акжолтой, мен барайын, сен… - деп аны карады эле ал:

- Макул, Эркингүл, бара бер, мен сага кечки саат ондо барам, сөзсүз барам! - деп колун сунганда Эркингүл да колун берип эңкейип келип Акжолтойду өөп, анан жүгүрүп кетти. Акжолтой болсо кыздын, болгондо да аруу кыздын ыссык эрини тийген жерин кубанычтуу сыйпалап жылмайып алды да, классташтары турган жакты көздөй басты. Ал азыр чексиз бактылуу эле.

Бүтүрүүчүлөрдүн кечеси абдан көңүлдүү өтүп жатты. Ар кимиси өзүнүн кайда бараарын айтып отурушту. Кече аяктагандан кийин Акжолтойдун кадамы Эркингүлдүн үйүн көздөй шилтенди. Бул убакта Эркингүл да уктабай күтүп жаткан. Экөө өздөрү жолугушчу дарактын түбүндө кыналыша бактылуу мүнөттөрдүн күбөсү болуп турганда асмандагы ай дагы балбылдап аларга нурун төгүп эч жамандыкты ыраа көрбөй кыз-жигиттин албырган жүздөрүнөн сылагылайт.

- Эркин, Экуля, - деди Акжолтой, - биз бактылуубуз, мен окууга өтүп окуп калсам келерки жылы сен да окууга тапшырсаң, анан үйлөнүп алабыз.

- Ананчы, бактылуубуз, келерки жылы мен сөзсүз барам, папам юрфакка окутам деп жатат.

- Экуля, сен мени сүйөсүңбү? - Акжолтой Эркингүлдүн ээгинен өйдө көтөрүп: - айтсаң, мени сүйөсүңбү? - көздөрүн тике карады.

- Эмнеге антип сурап жатасың? - Эркингүл Акжолтойду күлүмсүрөй карады.

- Өз оозуң менен айтсаң, Экуля, чын эле мени сүйөсүңбү?

- Акжолтой, мен сени сүйөм, сүйөм, сүйөм! - деп кулачын жая асманды карап жылдыздарды, айды күбө кыла кыйкырып жиберди: - Көрдүңөрбү, жылдыздар! Жер жүзүнүн баарын көрүп турган ай! Мен Акжолтойду сүйөм, сүйөм, сүйөм!!!

- Алтыным менин, ишендим, - Акжолтой Эркингүлдү бетинен өөп койгондо ал:

- Мен сеникимин, мен сени гана сүйөм, уктуңбу? - деп бажырая каткырып күлдү.

- Асылым менин, биз бактылуубуз, сен менин үйүмдүн куту болосуң, периштем менин!

Эки жаш бөлүнө албай түн бироокумга чейин турушту. Таң сүрө баштаганда гана экөө кучакташып, бири бирин аяр өөп коштошушту. Эркингүл күндүзү жазып даярдап койгон катын Акжолтой экөө кучакташып турганда чөнтөгүнө салып койду. Кыңылдап ырдаган Акжолтой жолдо келатып чөнтөгүнө колун салып, колуна урунган кагазды көрүп элес деле алган жок. Үйгө шырп алдырбай кирип ордуна жата кетти. Муну бир гана Алтынчач сезди. Эртең менен Акжолтой сабакка кетип жатып чөнтөгүнөн кагазды алып көрсө кат экен. Ошондо гана ал ачып окууга ашыкты. Анда шурудай тизилген кол менен мындай деп жазылыптыр:

"Алтыным Акжолтой, бүгүнкү бактылуу күнүңдү куттуктап, тилим менен айта албаганымды кагазга жазууга туура келди. Ме сени сүйөм, сен окууга тапшырып окуп калсаң мен сенсиз зеригем, сагынам го? Азыр деле жолуксам кайра жолуккум келе берет, кыскасы сен менин жашоомдогу жарык, даңгыр жолум, аткан таңымсың, билсең. Мен сени менен гана бактылуумун!

Эркингүл, 2002-ж. 25.05"

Акжолтой катты окуп алып, жүрөгү алып учуп, кубанычы койнуна батпай асманда калкып жүргөндөй болуп мектепти көздөй кетип баратты. Анын жолдон издегени ак бантик тагынган өзүнүн периштеси эле…

Экзамен күндөрү алар үзбөй жолугушуп турду, бири бирине айтчу сөздөрү түгөнбөй, ажырашалбай турган экөөнү көргөндөр аларды суктана карашып, ал турсун аңыз кылып айтып жүрүштү. Алардын мамилесин бүт айыл билип калган. Ал эми бир гана Калыс эне билбейт. Ошентип эки бактылуу жаштын бөлүнөөр кези да жетти. Медет Акжолтойду окууга алып жөнөөгө камынды. Ал мурунтадан эле мединститутта мугалим болуп иштеген досуна дайындап койгон. Бир күн мурун Эркингүл менен коштошуу үчүн Акжолтой жылдыз толгондо үйүнө келди:

- Эркингүл, өзүңө сак бол, жакшы жүр, мен бат-бат кат жазып турам. - Акжолтой Эркингүлдү кучагына кыса шыбырады.

- Сенсиз кантип убактымды өткөрөм, ар бир өткөн күндү күндөлүккө жазып турам. Эрмегим эле ошол болот го?

- Алтынчач экөөң бирге жүргүлө, мен сени ага дайындап кетем.

- Койсоңчу, мага ишенбейсиңби?

- Жок, андай деле эмес дечи…

- Сен дагы шаарга кетип жатасың, сак бол, эч нерсеге алаксыбай жакшы оку, макулбу?

- Биз максатыбызга жетишибиз керек, кош, алтыным, периштем менин! - Эркингүлдү коомай кармап, жүзүнөн сүйдү.

- Кош эмесе, кат күтөм! - Эки жаш чоң дарактын түбүнөн, түнкү салкын абада бири-бири менен араң коштошушту.

ooo

Ажар үйүнө жакындаганда эле Сапар утурлай басып Эркингүл жөнүндө билгиси келип сурап кирди:

- Кандай, кызыбыз чоңоюп калыптырбы, ыя?

- Ананчы, болгондо да супсулуу болуп чоңоюп калыптыр. - Ажар өзүнчө кудуңдай жооп берди. Ал өз ичинен: "Сааттын батарейкасы түгөнгөндө көрөт, ага чейин билбейт, эгер аны окуса кандай абалда калаар экен?" - деп ойлоно түштү.

- Эмнеси болсо да аман болсун, бактылуу болуп биз көргөндү көрбөсө экен.

- Ошону айтсаң, эгер ата-энеси бөлөк экенин билсе жаман абалда калат го, алчаңдатып өз баласындай эле билгизбей багып жатышса..

- Ырас эле, кантип ишенип, кантип бизди ата-энем деп кабыл алсын, билген күндө да бизди жанына жолотпойт го?

Экөө көпкө чейин кобурашып отуруп түн бироокумда жатууга камынышты. Дал ушул учурда Медеттин үйүндө да Эркингүл жөнүндө сөз болуп жатты.

ooo

Медеттин жашоосунда өзгөрүүлөр болуп, Жаркын экөө ысык мамиледе бир бирин сыйлап бактылуу болуп балдарын тарбиялоодо. Көп элдерге караганда үлгүлүү үйбүлөнүн катарында. Жаркын да өткөндү унутпаса да кайра эстөө ал үчүн өтө эле азап, бирок арадан өткөн бир топ жыл, бой жетип бири биринин артынан чоңоюп келаткан балдары баарын кечирүүгө аргасыз кылган кези. Бул кезде Медет Жаркын менен кеңешпей иш кылбайт. Акжолтойдун бой жетип калганынан аны үйлөнтүүгө айылдан аттуу-баштуу адамдардын кыздарын эсептеп отурушту. Аны айтышты, муну айтышты, бирок ылайыктуусун таппай жатышканда Алтынчач аларга:

- Байкем Эркингүл деген мени менен окуган кыз менен сүйлөшөт, - деп калды.

- Ал кимдин кызы экен? - Медет Алтынчачты кулак түрө карап калды.

- Бакбергенова Эркингүл, тиги Калыс эненин небереси экен.

- Койчу, кайсы баласынын кызы экен?

- Билбейм, ата-энеси шаарда турушат экен.

- Ий, анда тиги Тураттын кызы болсо керек, ал шаарда чоң кызматта иштейт да, - Медет ичинен кубанып турду: "Уулу чоң кызматтагы кишинин кызына үйлөнсө жакшы эмей", - Кызы кандай кыз?

- Жакшы эле, аябай супсулуу кыз, сабакты да жакшы окуйт, экөөбүз жакшыбыз.

- Аны мен өзүм бир көрөйүн, эгер уулума татыктуу болсо мектепти бүткөндөн кийин сөйкө салып койобуз.

- Адегенде экөөбүз тең сынап көрөлү, Акжолтойдон да сурайлы, көңүлү бар болсо качмак беле? - Жаркын да ага макул экенин билдирди. Бул кубанычтуу күндү кандай өткөрүү керек экенин да кеңешип отурушту.

ooo

Бир кезде Каныш эне менен Калыс эне ынак курбулардан эле, азыр Медет өзүнчө ичинен уялып турду. Анткени апасы өлгөндөн кийин бир да каттап же учурашып койбоптур..

Эртеси эле Жаркын экөө кант-чай алышып алып Калыс энеге учурашууга жөнөп калышты. Аларды үйдөн чыга калган Эркингүл тосуп алды. Ал Медетти сыртынан таанычу. Көрө сала кичипейилдүүлүк менен үн катты:

- Келиңиздер.. Ким керек эле?

- Чоңойдуңбу, кызым, Калыс эне жакшы жүрөбү?

- Аа-аа, энем жакшы, үйдө ал киши, кириңиздер!

- Рахмат, - Медет үйгө жол баштады, артынан Жаркын кирди, - Жакшысызбы апа, күүлүү-демдүү жүрөсүзбү? - кирээри менен эле төрдө жаздыкка кыңкайып жаткан энени көрүп колун суна жанына жетип учурашып отура кетти.

- Жакшысызбы эне, денсоолуктарыңыз дуруспу? - Жаркын да учурашып отуруп калды.

- Көртирлик деп жүрүп ушу сизге учурашууга да колубуз тийбейт. Апам барында сиз да бат-бат барчу элеңиз, каттабай калдыңыз.

- Аа балам, карылык өзүнүн чидерин салган соң кыйын тура, картайдым эми. Үйдөн чыгууга дарман жок, өзүңөр аман-эсен жүрөсүңөрбү айланайын, бала-чака чоңоюп жатабы?

- Жакшы, апа, кудайга шүгүр.

- Ошондой эле болсун, садага. Апаң экөөбүз кенедейибизден бирге жүрүп ынак элек, "бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат" деген чын тура. Мына, биздин ордубузду силер басып баратасыңар, кудайдын ушунусуна шүгүр! - Калыс эне сыртка карай үн катты: - Ийе Эркингүл, Эркингү-үүл!

- Оов, эмне болду, эне? - Эркингүл босогодон баш бага энеге суроолуу тигилди.

- Ботом, үйгө тоодой-таштай кишилер келип отурса, дасторкон салбай кайда жүрөсүң?

- Азыр, эне.. - Эркингүл заматта дасторкон жайып баарын жайнатып коюп сырткы үйдөн булоолонгон самоорду алып келди да, чай куя баштады. Эркингүл ушул саам өзүнө тигилген көздөрдөн сүрдөп жатты. Медет менен Жаркын болсо кыздын ар бир кыймылына көз салып сындан өткөрүп жатышкандай..

Калыс эне менен баарлашып отуруп, анан үйүнө кеч кайтышты. Алардын көөнүнө Эркингүл абдан жакты. Өздөрүнчө ары кетип, бери кетип, кеңешип жатып кызга азыркы шартта адегенде сөйкө салып коюуну чечишти. Сөйкө абдан жакшы жана кымбат болуусу зарыл экенин да унутушкан жок.

Акжолтой шаарга келип мединститутка документ тапшырып коюп, жатаканада болуп жатты. Анын оюнда ар дайым тайкесинин колунда калган иниси менен карындашы: "Алар да чоңойду, кордукту аябай эле тартышты го, мени алар кечирээр бекен, менин алардын алдында күнөөм деле жок да, болгону азаптан качып кутулууга шаштым" деп ойлоно берет: "Эптеп окуп алсам, анан үйлөнүп алсам, Эркингүл экөөбүз аларга көз болуп окутуп койот элек.. Баса, алар мектепти да окубай калышкандыр?" - ушинтип ойлонсо бир жерге отура албай кыйналып кетет.

Ар кайсы жактан келген жаштар бири бири менен таанышып, кечкисин киного барып, барбаганы сейилдеп кетишет. Кай бирлери китептен башын көтөрбөй, алдыда болуучу экзаменге даярдык көрүүдө. Акжолтой да көпчүлүк убактысын китепканада өткөрүп: "окууга өтүп калсам экен!" деп дайыма тилек кылат. Эркингүлдү ойлогондо гана бактылуу жылмайып, керемет дүйнөнү аралап, тээ качандыр бир кезде өзүнүн бакыйган врач болгонун элестетип, Эркингүлү ар дайым жанында бирге болоорун, анын маңдайында бажырая чай сунуп отурганын же "келиңиз, мырзам!" деп күлүмсүрөй костюм кийгизип, галстук тагып жатканын көз алдына келтире кыялданып алат.

Акыры күткөн күн да келип, экзамен да башталды. ар бир экзамендин башталышынан бүтүшүнө чейин жаштар даярдыкты жакшылап көрүп, бири бирине жардам берип, экзаменден чыкканда куттукташып жатты. Акжолтой баардык экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, студент деген тепкичке жеткенине кубанып, кат жазууга киришти. Биринчи Эркингүлгө арналды анын каты:

"Ардактуу тоту кушум Эркингүл! Экуля! кандайсың?! Денсоолуктар жакшыбы, бабушкаң күүлүү элеби?

Экуля, мен окууга өттүм! Мен эми студентмин! Сени сагынганымдан көргүм келип турса да эптеп окууга тырышып жатам. Анткени экөөбүздүн келечегибиз үчүн керек. Китеп окуп жатсам ар бир тамгада өзүң барсың, алыста болсоң да элесиң жанымда! Менин жашоом бир гана сенсиң, сенсиз мага жашоо кызыксыз, менин тоту кушум, билдиңби мен сени кандай сүйөөрүмдү?!

Келерки жылы сен дагы студент болсоң экөөбүз жетелешип көчө бойундагы ачылган кооз гүлдөрдөй жарашып, көргөндөрдү суктантып, ар дайым бирге болобуз!

Кош, Экуля, көрүшкөнчө.

Акжолтой. 22.08.... - ж."

Андан кийинки кат ата-энесине арналды:

"Ардактуу ата, апа! Денсоолугуңар жакшы, балдарыңар менен бакубат жашоодо аман-эсен жүрөсүңөрбү? Ини-карындаштарым окуп жатышабы? Эмесе мен силерге чын жүрөгүмдөн ыраазылыгымды билдирип, кубанычымды тең бөлүшкүм келип кубанычтуу кат жазып отурам. Анткени менин бул кубанычымда силердин эмгегиңер зор, силерге ыраазымын, ата, апа! Мен окууга өттүм, мен эми студентмин! Силердин амандыгыңарды тилеп, студент уулуңар:

Акжолтой. 22.08.... - ж."

Ошол эле күнү эки катты почтага салган Акжолтой жатаканасына келди да, сабакка даярданууга киришти. Көпчүлүк абитуриенттер окуу башталганча үйлөрүнө кеткен. Акжолтой барбады, бирин-серин калган балдар менен калып, окууну жакшылап окууга дилин буруп, баш көтөрбөй китептен китепти казып окуй баштады.

ooo

Бул кезде Акжолтойдун иниси Актилек он алтыга чыгып, он биринчи класска окуп калган, карындашы Калдык болсо жетинчи класста окуйт. Жамал аларды дагы деле каарып уруп-согуп, жанын койбойт. Калдык көп сүйлөбөгөн, бир мүнөздүү кыз болду. Экөөнү элден уялдыбы же арбактан корктубу, мектепке окутуп койгон. Анткени коңшу-колоңу балдарынан бөлүп койгонун көрүп наала кылышкан эле. Окуган менен мектепке барып келгени эле болбосо, үйдөн сабак окууга мүмкүнчүлүгү жок. Актилек малдан бошобойт. Калдык болсо үйтирилигинен чыгалбайт. Жамалдын уу тилинен заарканып, өз-өз ичтеринен муңканып алышат да, тиричиликке аралашып кетишет. Калдык көбүнчө сабакты мектептен эле окуп, тапшырмасын да даярдап келет. Актилек дагы ошентет. Актилекке караганда Калдык сабактан жакшы. Жамал аз келгенсип, атасынын көзү бурулса эле балдары дагы аларга күн көргөзбөй, Калдыктын дептерлерин булгап же китебин айрып, ручкаларын сындырып кордой беришет.

Бир күнү алардын үйүнө Жамалдын сиңдиси Сейил келип эжесинен Калдыкты сурап калды:

- Эже, менин балдарым чоңоюп кетишти, тиги Калдыкты мага бергиле, караан болсун, эртели-кеч жалгыз калат экемин, эркек балдар үйгө жолобойт.

- Ошону кичинекейинде эле ойлосоң болмок экен, эми сага боор береби, чоңоюп дагы калды.

- Аы ойлобопмун, качан гана уулдарым бойго жетип калганда ойлоп жатпайымбы.

- Алсаң ал, чоңойуп деги калды, аны биротоло энчилеп алмак белең, караан болсо болсун, - жездеси сөзгө аралашты.

- Мейли өзүң бил, бойго жетип баратат, жакшы карай көр, биз жаманатты болуп жүрбөйлү. - Жамал актангандай сүйлөдү.

- Калдыгым андай кыздардан эмес, башы оор, телтең-талтаңы жок, бизди уятка калтырбайт, - деп Адыл ишеничтүү айтты эле, Сейил да ага кошула жездесин кубаттады:

- Ооба, Калдык жакшы кыз болот, балдарым дагы кызды жакшы көрөт, бүгүндөн калбай кетейин, кийим-кечесин даярдап бергиле! - Сейил Жамалды карады.

- Азыр, - деген Жамал Калдыкты сырттан ээрчитип кирди да: - Кийимдериңди алып Сейил менен кет, ошол жакка окуйсуң, жакшы жүр эми, бизди жаманатты кылбай!

Калдык үндөбөдү, кийим-кечесин чогултуп баштыкка салды да, сумкасын көтөрүп даяр болуп туруп калды. Сейил эжеси менен коштошуп Калдыкты колунан жетелеп аялдаманы көздөй жөнөдү..

Калдык алардын үйүнө келгенден кийин оңуп эле калды. Сабагын убагы менен даярдайт. Кенен уктап, жумуштан, жемеден кутулду. Кенен тамак-аш ичип, курбу-курдаш күтүп, көңүлү да көтөрүлө баштады. Жаңы класска келгенден баштап эле окуучулардан айрымаланып алдыңкы окуучулардын катарына кошулду. Таза, тыкан, жакшы окуган окуучуну кайсы мугалим жаман көрсүн. Класс жетекчи дагы жакшы көрүп класстын оор иштерин ага дайындачу болду. Медеттин экинчи уулу Кубат да ошол класста эле, Калдыкты келген күнү эле анын жанына отургузуп койгон.

Кубат адегенде Калдык менен келише албай тийишип, басынткысы келип, сабактан өзүн көрсөтүүгө, өзүн андан жакшы билген окуучу катары далилдөөгө далай далбастады. Калдык анын тоскоолдуктарына үндөбөй, жооп кайтарбай кутулуп, акылдуулугу менен жеңди. "Бир кезде кечирим сурап алдыма келесиң" деген текеберленүү да жок эмес. Муну Кубат: "менменсинип менин тоскоолдук жасап тийишкенимди көңүлүнө албаганы мени теңсинбегени го, корогон кайран сөз деп унчукпаганы мени киши катары көрбөгөнү", - деп кекенчү болду. Бирок ушул арыкчырай татынакай кыз көтөрүмдүүлүгү менен аны өзүнө тартып баратканын сезбеди. Кантсе да жаңыдан жетилип, кыйал-жоругу өзгөрүлүп, жаштыктын деми делөөрүткөн улан экенин сезип, ага тийишип жаман сөздөрдү айтканына өзүнчө уйалып жүрдү. Ал эми Калдык оор басырыктуулугунан анын сөзүнө терикпестен кадимкисиндей эле мамиле жасап, сураган суроосуна жооп берип жүрө берди. Ушул учурда март майрамы келип калды. Кубат ата-энесинен акча алып Калдыкка белек берүүнү ойлоду. Айылда кайдагы гүл, конвертке кат жазып салып, открыткага куттуктоосун билдирип, азыркы учурда жаңы чыгып жаткан "Өгөй кыз" деген китепти кошуп белек даярдады. Кат мындай мазмуунда эле:

"Калдык, кандай, денсоолуктар жакшыбы? Жаз майрамы 8-мартың менен куттуктайм! Калдык, ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сенден кечирим суроону чечтим. Эгер күчүң жетсе мени кечир! Кечирип кой ээ, Калдык?! Эгерде мени кечирсең, эртең келгенде сөзсүз мага карап күлүп койсоң эле мен сенин кечиргениңди билем.

Анда эмесе майрамың кут болсун, бактылуу, таалайлуу бол!

Классташың Кубатбек.

6.03.... - ж."

Калдык "Өгөй кыз" деген китепти тартуулаган Кубатка бир эсе жини келди. Бир эсе: "Эмне экен, ал атайылап бербегендир, менин жетим экенимди билбейт чыгар", - деген ойго токтоду. Эртеси класска Калдык абдан кубанычтуу келди. Ордуна отуруп китебин барактап ойго түштү. Анткени өзүнүн жүрөгү алдабаптыр, кечирим сурайт деп ойлогон ойу туура чыкты. Ал ойлонуп отурганы менен жылмайып өзүнчө эле эргип отурду. Коңгуроо болоордун алдында Кубат класска кирип эле Калдыкты карады. Анын жүзү бажырайа өзүн карап турганын көргөндө негедир ал да толкунданып кетти: "Демек, Калдык мени кечириптир" деген ойдо ордуна отуруп аны карай "Салам" деп койду. Калдык да аны карай саламдашкан белги берди.

- Майрамың менен! - Кубат көптөн бери ага мындай мамиле жасай элек эле. Канчалык жакын бир партада отурса да экөө сүйлөшчү эмес.

- Рахмат, сенин белегиңе чоң-чоң рахмат. Мен сенден мындай белек алам деп күткөн эмесмин, бирок кечирим сураарыңды билгем!

- Чын элеби? - Кубат аны карай таң калгандай көздөрүн күлүңдөтө: - Көзү ачыктардан үйрөнгөнсүңбү, ыйа? - деп тамашалай кетти.

- Жок, менин жүрөгүм алдабайт, бирок адам деген өз жаңылыштыгын сезсе сөзсүз кечирим суроого тийиш!

- Мен билбепмин сенин ушунчалык сезимтал экениңди.

- Ар бир адамдын сезүүсү мүмкүн, бирок аны өзүбүз байкабайбыз.

- Укмуш! - Кубат унчукпай калды: "Кызык, мунун айтканын кара, менин кечирим сураарымды билгени укмуш го?"

Ал күнү майрамдык салтанат чогулушу болду да, тарап кетишти. Кубат ошондон кийин бала болсо да өзүнчө жеңилденип калды. Балалык сезими менен өз ичинен кыжаалат болуп кимдир бирөөнүн алдында чоң күнөөсү бардай кыйнала берчү болгон эле, азыр анын дили тазарып, өзүн чоң адамдардай сезе, кадамы да жеңилдеп калган сыяктуу. Андан кийин Калдык экөө абдан ынтымактуу болуп кетти. Сабак окуганда бирге даярданып, бир бирине өз билгендерин айтып, талашып-тартышчу жерден кадимкидей тартышып барып, бир биринин пикирин туура түшүнүп кайрадан улантышат.

ooo

Медет менен Жамал экинчи жолу чай-чамегин белендеп, Калыс энеге барып ойун ортого салып кеңешип келүүнү туура көрүштү. Алар келгенде Калыс эне сөрүдө ийик ийрип отурган экен. Медет менен Жамалды көрүп өз баласын көргөндөй кубанып тосуп алды. Бир топко чай ичип аркы-беркиден кеп салып отуруп, анан Медет сөз баштады:

- Эне, сизди өз энемдей эле көрчү элем, ортодо бираз жыл кабарлашпай абдан уялдым. Сиз менен кеңешчү кеп бар эле...

- Анан эмне балам, мен деле өз балдарымды көргөндөй кубанам сага, байкуш Каныш сени кандай гана кылып бакпады эле.. Келген жөнүңдү, кеңешчү кебиңди тартынбай эле айта бер, айланайын.

- Эне, билесиз, менин уулум бар, быйыл кудай буйруса окууга тапшырып окуп калды... - Медет кичине тайсалдай калды.

- Эне, - Жамал сөзгө аралашты: - бизде уул, сиздерде кыз бар экен, экөө бир бирин билишет да экен..

- Ооба, эне, ошол балдардын келечегин ойлобосок болбойт, сизге кеңешейин дегеним, Эркингүлгө сөйкө салсакпы дедик эле? - Ушул учурда сырттан кирип келаткан Эркингүл токтой калып тыңшап калды..

- Аа-аа алдыңа кетейин, кыз бирөөнүн бүлөсү, андай болсо Турат менен кеңешели, - Калыс эне эңкейип шыбырай сүйлөдү: - Ал мектепти бүтө элек, бирөө укса ушак кылат...

- Апа, элден коркуп эмне ууру кылып жаттык беле, мына жакында окуусу да бүтөт, анан сөйкө салып койобуз. - Медет бакылдап жатты, Калыс эне да ага макул экенин, кыздын бактылуу болушун кааларын айтты. Булардын сөзүн тыңшап турган Эркингүл угуп алып өзүнчө кудуңдап, жүрөгү элеп-желеп болуп жатты. Кыялында Акжолтой экөөнүн үйлөнүү тою болуп жатканын элестете апаппак үлпүлдөгөн көйнөктү жер чийдире бакыт үйүнө барганын көз алдына келтирип бактылуу болуп турду.

Медеттер үйдөн чыгып баратканда аларга көрүнбөй ары жакка басып кетти. Алар кеткенден кийин үйдү жыйыштырып жүргөн небересинен кыраакы, жөн билги эне аста сурады:

- Кызым, Медеттин баласын жакшы билесиңби?

- Эмнеге апа? - Эркингүл чоң энесине уурусу кармалып калгандай, эки бети кызара түшүп сурап койду.

- Сүйлөшүп жүргөнүңөр чынбы?

- Койчу апа, ким айтты?

- Билмексен болбо, кызым, бойго жеттиң. Медет жаман адам эмес, айылдагы кыдыр барктуулардын катарына кирет, колунда бар, уулу болсо шаарда окуп жаткан тура, бактылуу болушуңду ойлон, кызым!

- ?..

- Атаңды чакыртып кеңешейин, анан акыркы коңгуроо бүтөөрү менен сен да шаарга окууга киресиң, ошол шаардан эле салсын сөйкөнү.

- Апа?! - Эркингүл кызара апасын кучактап эркелей кетти.

- Садага болоюн, менден сыр жашырба, мен да сендей жаш болгом, сүйүүнү билем, түшүнөм! - Калыс эне Эркингүлдү чачынан сылап өөп койду. - Эгер жактырбасаң, көңүлүң болбосо мен эртең эле аларды тыйып койом!

- Эмне деп? - Эркингүл чоочуп кетип өзүнүн сырын алдырып алганын сезген жок. - Эмне деп тыясыз?

- Менин кызым силердин балаңарга көңүлү жок экен, келинди башка жактан издегиле деп. - Эне кызын сынай тиктеди. - Сенин көңүлүң болбосо зордоп бералбайм да, садага.

- Антпеңиз! - Эркингүл энесинин оозун баса калды.

- Секелегим десе, билдим-билдим, уялбай эле гой, эркем менин, бактылуу эле болсоң болду, - Калыс эне Эркингүлдү эркелетип маңдайынан жыттап койду. Небересинин алдыда болчу жакшылык тоюн эстеп эки күндөн кийин шаарга телефон чалып, Туратты чакыртып жиберди. Карыган апасынын "келип кет" дегенинен чоочулаган Турат: "Карыган эме ооруп калдыбы, келини жок колунда, Эркингүл жакшы карай албай жаткан го?" деп түндөп жетип келди. Эне уктабай күтүп жаткан. Машинанын үнү чыкканда онтолой ордунан туруп эшикке жетти. Жол келип чарчаган Турат энеси менен амандашып алып эле жатып калды. Эртең менен ойгонуп жуунуп келип дасторконго отуруп тамактана баштады. Андан кийин гана жай сүйлөшкөнгө өттү.

- Апа, оорубай эле жүрөсүңбү, келип кетсин десең ооруп калдыбы деп чоочудум, өзүңдү көргөндөн кийин эс ала түштүм, жакшы эле жүрөсүзбү? Эркингүлдүн да экзамени жакындап келатат. Менин болсо колум бошобой эле... Эркингүл мектепти бүтүп окууга тапшырып калса шаарга алып кетейин, ээ?

- Оо кокуй күн, атаңдын баскан-турган жерин ээн таштап шаарга кетмек белем, андан көрө тигил кайнатаң баккан балдардын улуусун үйлөнтүп алып келип кой, качанкыга таякелеринде жүрөт, тууган-урукка аралашсын.

- Аны мен деле ойлоп атам, апа, бирок аны да колдон келип турганда окутуп койбосом болбойт. Шаарга келип турушат, эмки келгенде ала келем, алар деле чоңоюп калышпадыбы.

- Ооба балам, жыйырмадан ашты, үйлөнтүп бир жыл, эки жыл менин жаныма коюп кой!

- Макул, апа.

- Турат, мен сени чакырганымдын себебин сурабадың? - Ушул учурда Эркингүл туруп келип Турат менен учурашып, дасторконго отуруп калды.

- Кызым, окуулар кандай?

- Жакшы, ата. - Эркингүл апасынын сөз баштай албай турганын сезип сыртка чыгып кетти, апасынын өзүнө көз кысканын байкай койду.

- Уулум, чоң жаңылык бар, Эркингүлгө куда түшкөнү келгендер болуп жатат.

- Ким экен ал? - Турат апасын таңдана карады.

- Шашпай жай ук, балам. Медет аялы экөө эки жолу келип мени менен учурашканы келдик деп келишиптир.

- Анан?

- Анан ошо, уулубуз менен кызыңар бир бирин жакшы көрөт экен, сөйкө салалы, сиз менен кеңешели дешип келиптир.

- Ал кайсы Медет, апа?

- Ботом, тиги Каныш курдашымдын жалгыз баласычы, ошонун баласы быйыл жаңы окууга өтүптүр, доктурдун окуусунда дейт.

- Медеттин баласы чоңоюп калыптырбы, өзү жоголуп жүрүп кеч үйлөнгөн эле го, чоңоюп калыптырбы?

- Ооба Эркүнгүлдөн бир эки жаш эле улуу экен.

- Ойлонуш керек экен, апа. Мен ал жөнүндө эбак эле өзүм менен иштешкен бирөө менен кудалашууну сүйлөшүп койдум эле, Эркин өзү эмне дейт?

- Эмне десин, көңүлү бардай. Ал турсун сүйлөшүп да жүрүшкөн го?

- Койчу? - Турат чоочуп алды.

- Ошондой, уулум, кыздын көз жашын агызба, өзү каалаганга бер, Медет деле оңой адам эмес, кадыр-барктуу, колунда бар, ортон колдой эле киши.

- Ойлоноюн, апа. Аида менен да кеңешели, эгер өзүнүн көңүлүнө жакса айла жок, - Турат дасторконго бата кылып ордунан турду. - Мен жөнөйүн.

- Бара гой, айланайын, ак жолуң ачык болуп, аман-эсен жетип ал, балдарыңды өөп, Аидага салам айт.

- Макул, апа, жакшы тургула, - Булардын эмне деп сүйлөшкөнүн угууга ынтызар болгон Эркингүл босогодон тыңшап, Тураттын эшикти көздөй жөнөгөн дабышын уга ички бөлмөгө кирип кетти да, кайра артынан эч нерсе укпагандай чыгып атасын узатып койду.

- Кызым, сен чоңойдуң, окууңду улантышың керек, эсиңде болсун: башкага көңүл бурба! - Турат машинага отуруп жатып Эркингүлдү көкүлүнөн сылап чекесинен өөп коюп, машинасын жылдырды.

Турат ордунан жылып кетээри менен эне кызына көзүн кысып, баш бармагын көтөрүп койду:

- Мына, баары ойдогудай бүтөт кызым, кайдагы бир атам тааныбаганга сени бергенче жакын жерге узатып койсом арманым жок эле... - ойлуу отуруп калды.

Калыс эне Эркүнгүлдүн короого ташталганын жакшы билчү, ошол үчүн да аны ого бетер жакшы көрүп: "бечара ким болсо да турмуштан кыйналганда аргасыз таштаган да, болбосо чырактай баласын эле бирөөгө ким берсин, андан көрө мен энесимин деп эми чыга калбас бекен, акмалап жүргөн болсо" деп ойлонуп калчу. Аида Ажар жөнүндө айткан эмес: "менин жүрөгүм ооруганы жетишээр, карыган эмеге айтпай эле тим койойун" деген ойдо болгон.

Ажар Эркингүлдүн талтөөндөй болуп бой жетип баратканын көрүп ичи уйгу-туйгу боло берди. Ал эми эч качан ага эне боло албасын түшүнүп турду. Аргасыз, алсыз экенин түшүндү, бирок ага болбой эле түпөйүл ойлорду ойлоно берчү. Канча жолу анын алдынан деле чыкты, бирок жүрөгү даап сүйлөй албады, эмне демек: "мен сенин төрөгөн энең болом, таштап кеткем" демекпи? Жо-ок, антип айталмак эмес, айткан күндө да Эркингүл аны угаар түрү жок эле. Бир жолу камокко барса ал соода кылып жаткан экен, өзүнүн эмне жумуштап келгенин унута Эркингүл жөнөгөндө артынан кошо жөнөдү, көз алдында тээ анын ымыркай кези тартылып, подвалда же ороор ороосу жок, же карды тойбой какылдап ыйлап жатканда Сапардын айтканынан улам ушул чоң короодогу бардар жашаган үйбүлөнү көздөп атайы алып келип таштаганда эле энелик акысынан да, укугунан да ажыраганын алда качан сезсе да, жүрөгүнөн кетпей кылт этип эсине түшүп кыйналганычы?!

- Эркингү-үл! - ушул учурда Ажардын артынан бирөөнүн үнү угулду. Эркингүл артын карап ириде Ажарды көрдү, анын эки бети ылдый куюлган көз жашын көрүп делдээ калды. Дароо тааныды, чакырган курбусу жете келгенине карабай Ажардын жанына жетип келди:

- Сизби? - Таңыркай да, чоочуркай да карады.

- Ооба, мен...

- Биякта жашайсызбы?

- Ооба, тигил аркы өйүздө турам.

- Эмне болду сизге ыйлап?

- Жөн эле, сени өз кызымдай көрүп багып калбадым беле, камоктон көрүп учурашпай койгонуңа ызалансам керек, өзүм да билбейм, - Ажар чыны өзүнүн ыйлап баратканын сезбей калган эле.

- Мен сизди тааныган жокмун да, - Эркингүл ушул учурда туулган күнүнө саат алып барганын эстеди. - Көптөн бери каттабай калдыңыз да?!

- Кол бошобойт, - Ажар башка эч нерсе дей албады, азыр Эркингүл жанынан кетсе эле жүрөгү үзүлүп кетчүдөй жалдырап тура берди.

- Эркингүл, мен сага келаткам, сага Акжолтойдон кат келиптир!

- Качан?

- Кечээ, почтадан көрдүм, өзүнө берем деп мага бербей койду.

- Аа-а, анда эртең барам, - Ажарды карады, - Макул анда, жакшы калыңыз, мен кеттим, - Курбусу менен ээрчишип жөнөй берген Эркингүлдүн артынан өңгөчүн тарта буулуга ыйлаган Ажар телмире карап көпкө турду да, артына бурулду. Ал үчүн анын кымындай да кереги жоктой узап бараткан караан кан-жанынан бүткөн асыл адамы экенин, аны өмүр бою ушинтип уурдана карап жүрүп өтөөрүн кайдан билсин! Кадамын жай таштап кетип баратып тык токтой калды: "Ботом, Акжолтой дегени ким болду экен?" - деген суроо жүрөгүн өйүп: "Мен көргөн азапты көрбөй бактылуу болсо экен, ылайым" деген ойдо үйүн көздөй жөнөдү.

Ажардын ушул кезде мурунку күйөөсүнөн балдары келип-кетип жүрүшкөн, узак жылдары энесин күнөөлөп жүрүп, акыры күнөөсүн кечип каттай башташкан эле. Ошентсе да баары бир ага алар бир тең да, Эркингүл бир тең болду. Эстеген сайын өзөгү өрттөнүп, аралыгы жакын болсо да алыс болуп бөлүнүп турганына аргасыз көнүп-көнбөй келет. Жарк этип бир күнү апакелеп мойнуна асылчудай сезилип, үмүтү жанганын айтпа, бирок жанына келгенде анын антпесин билип сай сөөгү сыздап, бороондо калып кайыккан адамдай калчылдап кетчү болду. Жүрөгү да оорукчан, жаш өткөн сайын адам баласы кайгыга да алсыз болуп калаары бышык го.

Ажар түрмөгө отуруп чыккандан кийин төркүнүнө каттабай калган, балдары өздөрү издеп келип таап алышпадыбы. Сапар экөө канча жыл селсаяктык менен өткөргөн өмүрүн! Эми ичкилик ичпей адамча жашай баштаганга көп болду. Бирин-экин малын эрмек кылып, жайы-кышы багып, жетээрлик эгин-тегин айдап алышып: "Кудайдын ушунусуна да шүгүр!" деп азыркы жашоосуна ыраазы. Алкынып бирөө менен урушуп же ушак айткан адаты жок, тек күнүмдүк оокатын жасап, күндүн өткөнү, таңдын атканын көнүмүштөй өткөрүп жашап келишет.

ooo

Акжолтой ата-энесине, Эркингүлгө кат жазгандан кийин ойлонуп отуруп тайкесине кат жазууну эп көрдү. Иниси менен карындашынын ал-абалын билүүгө дилгирленип шаша-буша кагаз-калемин алып жазып кирди:

"Тайке, саламатсыздарбы, балдарыңыз жакшы жүрүшөбү, Актилек менен Калдык чоңоюп калыштыбы?

Мен болсо мектепти бүтүп, окууга тапшырып жакында эле экзамен бердим, жаман эмес, студент болдум. Эми алдыдагы окууларга даярданып жатам. Тайке, тажеңем күүлүү-күчтүү эле жүрөбү? Актилек менен Калдык окубай калдыбы же окудубу? Эгер мектепте окуп калган болсо калганына өзүм жардам берем, сөзсүз алар жөнүндө толук жазып жибериңиз деп,

жээниңиз Медет уулу Акжолтой.

г.Бишкек, ул.Ахунбаева,... 27.07... - ж.

Күндө эртең менен туруп көнүгүү жасап бүткөн соң тамактанып алып китепканага барып үч-төрт саат окуп отура берет. Анын китепканадан чыкпай тырышып окуганын көргөн кээбир акчанын күчү менен өткөн майтокочтуу балдар каткыра күлүп шакабалап калышат. Медет деле бираз акча берди дечи, бирок алардай болуп телефондун күчү менен өткөн жок да. Окууга бүт дилин берип бүт оюн билим алууга койгон Акжолтой кээде түшкү тамакты ичүүнү оюнан чыгарып койчу. Дайыма жанында шынаарлап ар кайсыны сурай берчү Алтынай деген кыз бар. Ал кээде анын теке маңдайына отуруп алып сүйлөй берет, Акжолтой бирде жооп берсе, бирде жооп бербей отуруп алганда Алтынай:

- Акжолтой, эмнеге жооп бербейсиң, канчалык казып окусаң деле акчаң болсо баарына жетесиң, болбосо жок. Жүрү андан көрө киного же концертке барып келебиз, - деп калды.

- Башынан концертти каалабайм, анан сага айтаарым, мен акча менен окубай өз эмгегим, өз күчүм менен окуп үйрөнгүм келет. Окууну акча менен бүттүң дейли, эч нерсе билбесе андан кандай врач же адис чыгат, ойлочу?

- Аа-а, мен окуп отурбайм, атам ар жылы экзамен алдында звонит этип койот, анан баары жайында болот да калат.

- Атаң эмне болуп иштейт?

- Атамдын бизнеси чоң, өкмөткө карабайт, жеке ишкер, менин өзүмчө машинам бар, апам атам экөөнүкү да өздөрүнчө.

- Жакшы экен, - Акжолтойдун оюна бир нерсе кылт дей түштү: "чын эле жумуш болсо иштеп үйдөн акча сурабай турган болбоюнбу?!" - деп тынымга аны карап ойлоно калды.

- Акжолтой, эмнеге ойлонуп калдың?

- Жөн эле, ойлонгон деле жокмун. Ээ Алтынай, атаңа сүйлөшсө жумуш табылабы?

- Эмнеге болбойт, эң сонун болот, эгер мен айтсам атам сөзсүз жумушка алат.

- Макул, айтып көр. Жумушка ала турган болсо мага билдирип кой.

- Сөзсүз да, - Алтынай ишенимдүү сүйлөп мактанып жатты, - атам мен эмне десем баарын аткарат, ал сени сөзсүз алат!

- Болуптур, Алтынай, сага рахмат. Эртең ушул жерден жолугалы.

- Акжолтой, жүр, мен сени бүгүнкү экөөбүздүн таанышып бирге окуп отурганыбыз үчүн сыйлап койойун.

- Биз башынан эле тааныш эмеспизби?

- Жок, жок, биз мурун мындай эле тааныш болчубуз, эми жакындан таанышып маектешип жатабыз, мындан аркы достугубуз бекем болушу үчүн чай ичели.

- Макул, барса барайын, - Акжолтой маңдайындагы өтө эрке, айтканынан кайтпаган татынакай, шаардыктарча модалуу кийинген кызды сынай карап коюп, китептерин жыйнап ордунан турду.

Ээрчишип сыртка чыгышкандан кийин Алтынай китепкананын жанында токтоп турган кыпкызыл "Ауди 100" маркасындагы машинанын эшигин ачып, Акжолтойду отурууга жаңсады:

- Отуруңуз, мырза жигит!

- Рахмат, - Акжолтой отураары менен өзү рулга отуруп, машинаны от алдырды да, аны карап: - Кайда баралы? - деди жылмая.

- Өзүң билген жакка, - Акжолтой шаарга келгенине аз эле убакыт болсо да окуу менен алек болуп кандай кафе же ресторандын кайда экенин билбейт эле. Ошондуктан ал Алтынайдын өз оюна койду.

- Анда кеттик, - Алтынай машинасын зуулдата айдап асфальтта кетип жатты, магнитофон жаңырып, андан: "Жол карап өттү күндөр, койнумда сагынычтар, үзүлбөй сенден күдөр, үмүтүм өчпөй жанат" деп кайра-кайра сыздап жатты. Алар бат эле "Аристократ" ресторанынын жанына келип жол жээгине машинасын токтотту да, экөө ээрчише ресторанды карай жөнөгөндө Алтынай Акжолтойду колтуктап алды. Айылдык, байоо жигит ушул учурда өзүн абдан ыңгайсыз сезди, бирок жигиттик намысы аны шердентип, кызга сыр алдырбай кирип орундукка отура беришкенде койкоңдогон узун бойлуу кыз келип алардын алдына меню коюп:

- Кандай заказ бересиздер? - деп туруп калды.

- Мага окорочка, шорпо, анан бифштекс бериңиз. Акжолтой, сагачы? - Алтынай аны караганда Акжолтой:

- Мага куурдак, - деп тим болду.

- Ушул элеби? Анда бир шампанский кошуп коюңуз! - деген Алтынай өз билгенин кылып заказ берип, ага карай күлүп койду. Официант кыз заказды алып, меню жазылган кагазын кошо көтөрүп басып кетти.

- Акжолтой, сен эмнеге кыздар менен мамиле кылбайсың?

- Азыр кыздар менен сүйлөшкүдөй убактым жок, окуп билим алгандан кийин деле жетишээрбиз.

- Баары бир, жаштык деген токтоп турбайт да, өз учурунда ойноп-күлүш керек. Беш жыл окуп, анан иштеп.. Оо-уу-уу, кандай гана сонун учурлар өтүп кетет!

- Өткөнүнө өкүнбөйм, адам болуп бир нерсени өздөштүрүп алгандан кийин деле баарына жетишсе болот..

Ушул учурда официант кыз заказдарды апкелип, стол үстүнө койду. Алар тамактанып жатып, шампандан аз-аздап ичип коюп отурушту.

- Акжолтой, сен бирөөнү сүйүп көрдүң беле? - Алтынай аны сынай тиктеп, колундагы вилка менен кашыкты кармаган бойдон жооп күтүп калды.

- Жок, - ал азыр бул жерде ачылып сүйлөгүсү келбей, кыска гана жооп берди.

- Аа-аа, кантсе да айылдык эмессиңби..

- Эмнеге? Айылдыктар сүйүүнү билбейт же баалабайт деп ойлойсуңбу?

- Жо-ок, андай деле эмес, айылда ата-энелери эле сүйлөшүп үйлөндүрүп койушат го көп учурда.

- Ар кандай, сүйлөшүп, сүйүшүп үйлөнгөнү деле толтура.

- Мен бир сөз айтайынбы, Акжолтой?

- Айта бер, кулагым сенде.

- Сени бирөө сүйүп калса, сүйүүсүн арнап кат жазса кандай абалда калат элең, же эмне деп жооп берет элең?

- Биринчи, мендей айылдыкты сүйө турган кыздар жок, экинчи, сүйгөнүм бар деп жооп бермекмин!

- Оой, Акжолтой, чын эле сүйгөнүң барбы? - Алтынай аны карап көздөрүн чоң ачып, кызыккандай экени же кызгангандай экени белгисиз өңү бозоро жооп күтүп калды.

- Ооба, бар, айылда, келерки жылы ал дагы окууга тапшырат, анын ата-энеси ушул шаарда кызматта иштешет.

- Мына тамаша, ошол кыз кандай гана бактылуу кыз болду экен... - Алтынай бир азга ойлуу отуруп не дээрин билбей стаканга кол узатты. - Кел анда ошол сенин сүйүүң үчүн ичели!

- Алтынай, мен ичпей эле койойунчу, мурун ичип көрбөгөнгө башым айланып жатат.

- Кыздар ичкен шампанскийди ичпей эмне, жигит болуп туруп ичпейм дегениң кызык, кел эми алып кой!

- Кел анда, көңүлүң калбасын, - Акжолтой стакандагы шампанды алып жиберип: - Алтынай, сенин сыйыңа, мамилеңе рахмат, сага денсоолук, узун өмүр, өчпөс сүйүү каалайм! - деди аны жылмая карап.

- Сага да рахмат. - Алтынай жанагыга караганда абдан ойлуу тарта түштү, аны Акжолтой сезип, билип турса да билмексенге салып отурду.

Алар ресторандан чыкканда саат экиден өтүп калган. Алтынай аны жатаканага жеткирип коюп үйүнө кетти. Акжолтой кыздын өзүнө жасаган ар бир мамилесин, көз карашын, кыял-жоругун көз алдынан алыстата албай жатты. Ал азыр Эркингүл менен Алтынайды ар жагынан салыштырып көрүп, өзүнүн Эркингүлүнөн аны артык көрө албады: "Менин гана тоту кушум" деп ойлоп жылмайып алды..

Убакыт аккан суудай ала салып өтө берди. Анан бир күнү жатаканада отурса ага бирөө келип кат сунду.

- Акжолтой, сага кат берип жиберишиптир.

- Аа-аа, - Акжолтой катты колуна алаары менен эле сыртына көз жүгүрттү. "Туратбек кызы Эркингүл" дегенди окуп жүрөгү элеп-желеп боло катты ачып окуганга шашып, эшикти ичинен илип алды.

"Акжолтой, саламатсыңбы? Саламым менен Эркингүл.

Акжолтой, сенин студент болушуң менен куттуктайм жана кубанычыңды тең бөлүшөм! Денсоолук кандай, окууга өткөндөн кийин айылга келе берсең болот го, эмнеге ал жакта жүрөсүң? Мен сени сагындым. Акжолтой, мен сага бир жаңылык айтайынбы. Өткөндө сенин ата-энең үйгө келишиптир, сен аларга айттың беле? Кыскасы, мага сөйкө салмай болушуптур, чоң энем аларды мактап ал турсун атамды чакыртып алып ага да айтты. Мүмкүн апам менен атам кеңешип көрөөр. Чынын айтсам атам башка досторунун бирине кудалашканы жүрүптүр, аны чоң энеме айтып жатканын угуп калдым.

Акжолтой, мен сенин окууңдун ийгиликтүү болушун каалайм!

Сенин тоту кушуң Экуля!

2.08..."

Акжолтой катты окуп бүткөнчө толкунданып, өзүнчө кыялга батып катты кош колдоп кармап алып: "Менин тоту кушум, акылдуум, биз бактылуу болобуз" деп Эркингүлдүн колу тийген катты көздөрүн жумуп туруп өөп койду. Негедир ал азыр токтолбой эле айылга жөнөгүсү келип турду. Эркингүлдүн "сагындым" деген сөзү өрөпкүтүп да, толкундантып да койду...

Күндөгү убакта китепканага барып жаңы эле китеп карап жаткан. Китепкананын ичи салкын да, ээн да болчу, бири-серин кирип китеп көрүп же окуп отургандар болбосо, тынч.

- Салам, Акжолтой! - Ал башын өйдө көтөрүп, маңдайында турган Алтынайды көрдү.

- Салам!

- Кандайсың, мырза жигит?

- Жакшы, өзүң кандай?

- Баары жайында. Бүгүн бираз сейилдеп келбейлиби?

- Убактым жок, Алтынай, окуу башталганча айылга барып келсемби деп ойлоп жатам.

- Түшүнүктүү, сүйгөн кызыңды сагынган окшойсуң?

- Эмнеси болсо да... - Акжолтой аны менен сүйлөшкүсү келбей китепти карап отуруп калды.

- Акжолтой, суранам сенден, бүгүн паркка барып бираз отуруп келели да?!.. Анан сен жөнүндө атама айтсам сени көрүп сүйлөшүп көрөйүн дейт!

- Эмне, атаң да паркка барабы?

- Жо-ок, ал түз эле үйгө ээрчитип кел деген, а сен макул болосуңбу же жокпу, билбейм.

- Жолукса жолугуп көрөйүн, демек, атаңа жакпасам жумушка албайт тура, ээ?

- Андай эмес, бирок кандай болбосун жолугушуң керектир?

- Анда кеттикпи? - Акжолтой китептерин жыйнап, аны карады.

- Кайда, үйгөбү же парккабы?

- Үйгө да, паркка дагы бир күнү бараарбыз.. - Акжолтой чындап эле жумуш табылып калса үйдөгүлөрдү кыйнабай иштеп алсам деген ойдо ага жолугууну дегдеп турган.

- Болуптур. - Экөө эшикке чыгып машинага отурду да жөнөп кетти.

Алтынайлар келгенде ата-энеси экөө үйүндө экен. Аларды көрө ордунан тура калып жакшы кабыл алып бакылдаган Төрөбек озуна кол сунду.

- Кел, жигит! - Акжолтой жетип ызаат кыла салам айтты:

- Ассалоом аллейкум!

- Валейким ассалам, кел келе кой, отуруп жай тамактангыла, тартынбай даамдан алып отур. Кай жерден болосуң?

- Көлдөн.

- Жакшы, жакшы-ы. Ата-энең барбы?

- Ооба.

- Кайсы окууга кирдиң?

- Мединститутка.

- Оо азамат, анда дурус экен. Компьютер билесиңби?

- Жакшы эле билем.

- Эң сонун, сени бир кызматташ досумдун кабинетине отургузуп койом. Айлыгың жакшы болот.

- Рахмат сизге!

- Көлдөн келсең бир бирибизге жардам бербей анан. Документтериңди алып эртең эле келгин.

- Макул.

Көпкө кобурашып отурган соң Акжолтой үйүнө жөнөмөк болду. Төрөбек Акжолтойдун арыкчырай келишимдүү мүчөсүн, сылык-сыпаалыгын көрүп дилинде жакшы пикир пайда болду. Эми эшикке чыга берээрде ал:

- Акжолтой, эгер жатаканадан кыйналсаң бул жерге деле жашай бер, беш-алты бөлмө бош эле турат, Алтынай экөөң бирге сабакка да чогуу барып келип турасың, - деди чын дилинен. Алардын минтип жатканынын түпкү сыры эмнеде экенин ал кайдан билди. Болгону таза, жакшы жумуш табылганына ичинен сүйүнүп жатты. Өзү компьютерди жакшы билчү. Ошондуктан корккон жок. Анын ою ата-энесин кыйнабай контрактты төккөнгө келгенде өз эмгеги менен тапкандай болсо жеңил болот беле деп ойлоп атты. Өзүнөн кийинки ини-карындаштары дагы чоңоюп калды, таякесинин үйүндө чоңоюп жаткан иниси менен карындашы да ойлонтот аны. Ал эми Алтынайдын ою боюнча аны жакшы жумушка орноштуруп үйүнө жашатып эптеп Акжолтойду имерип алуу эле. Атасына "жатаканага эмес биздин үйгө жашаса жакшы болмок, сиз айтып көрүңүз" деп өзү айткан болчу. Акжолтой ага көнбөдү, жумушка кирип компьютер менен кечке иштеп кечинде окууга керектүү китеп окуп убактысы такыр болбой калды. Алтынай ар күнү жанында, ал тамак-ашын көтөрүп жетип келет кечинде.. Алтынайдын чын дилинен аны сүйүп калганын ал билбеди, жүрөгүндө өзү каалап сүйгөн адамын эстеп сагынып жүрөт. Жумушка киргенде дагы ата-энесине, Эркингүлгө кат жазып жөнөткөн. Акжолтойдун шаарга келгендеги күндөлүк жашоосуна Алтынай аралашты да калды. Анткени бир күнү ал Акжолтойдун китептерин карап отуруп Эркингүлдүн катын таап алды. Үйүнө барып ары ойлонуп, бери ойлонуп жатып экөөнү ажыратуу үчүн кат жазууну чечти. "Туура кылып жатамбы, же туура эмеспи, мен алардын ортосуна бузукулук кылганым менен Акжолтой мени сүйбөсөчү, сүйүүнү сатып алууга да болбойт эмеспи" деп көпкө ойлонду. Акыры мындай деп жазып кирди:

"Эркингүл, кандайсың? Сени мен тааныбасам да арга жок, кат жазууга туура келди. Анткени Акжолтой экөөбүз бирге жашап жатабыз, ал сени сүйбөйт, мени сүйөт, эгер ишенбесең жатаканасына кел, көрөсүң ошондо!

Алтынай".

Сүйүүнүн аптабына, бурганактуу бороонуна туруштук берүү кыйын го чиркин, жаштыгы жалындаган сүйүүсү аны кимдир бирөөнүн ысык сүйүүсүнө тоскоол кылууга түртүп, андан кызганып жатты. Ошол бойдон көпкө чейин Акжолтойго да барбай жүрдү, бир жагы кыз намысы жол бербесе, бир жагы уяты ага тоскоол болду. Канчалык эрке, ачык-айрым, тартынбас болгону менен жүрөксүп турду. Акжолтой жумушунда иштеп чыйралып такшалып, чарчоонун ордуна абдан дилгирлик менен берилип алды. Кээде отуруп Алтынайдын жолугуп калганына ыраазы болуп кетет. Болбосо бош жүрүп акыры айылга кетүүгө мажбур болмок. "Эркингүл окууну бүттү, шаарга келээр бекен же келбейби" деп ойлонуп алат.

ooo

Айылдын ар түйшүгү түгөнбөгөн жашоосунда өзүн башкалардан бактылуумун деп сезген Эркингүлдү ошол күнү жаман кабар күтүп атты. Ал катты алып чоочун кол жазманы көрүп бир аз жүрөгү "дүк" "дүк" этип согуп катты ачып окуганда андан бетер оор абалда калды. "Бул эмнеси, чын эле ал үйлөнүп алдыбы, анда Алтынчач айтат эле го?" деген ойго келди да: "дагы бир бузукунун чыгарганы болуп жүрбөсүн, мен жеңил ойлук кылбай адегенде бул катты Алтынчачка көрсөтөйүн" деп ойлоп канчалык оор абалда турса да жеринен токтоо, көтөрүмдүү кыз жүрөгү ишенбеди, ал Акжолтойго ишендиби же жүрөгү алдабасын сездиби кыжаалат болуп турса да өзүн сооротуп ал күнү түнү бою кирпик ирмебей чыкты. Алтынчачты кантип чакырып алаарды билбей Саадат курбусуна барууну чечти. Эртеси экөө макулдашып алып Саадат Алтынчачты чакырып келди. Эркингүл чын сырын Саадаттын көзүнчө айткандан тартынып анын колуна билгизбей катты карматты да:

- Алтынчач эртең үйгө келчи, сүйлөшө турган сөз бар, - деп койду.

- О-о кайынсиңди-жеңе, болбойсуңар го ыя, жашыруун сырыңар бар го? - Саадат тамашалай сүйлөдү.

- Жашыруун деле сөз жок, сен да кел үйгө, бир аз отуруп анан кетесиңер да, - Эркингүл ага чын дилинен айтты. Оюнда: "Алтынчач катты окуса анан жообун угам" деген оюу бар эле. Көчө боюнда үчөө сүйлөшүп туруп анан үй-үйлөрүнө тарап кетишти. Алтынчач алардан бөлүнөөрү менен Эркингүл колуна карматкан катты ачып окуп алып таң калды. "Атамдарга айтсамбы же айтпай эле койсомбу?" деп башы маң болуп атты. Анан: "Эртең эле Эркингүлгө кеңешип анан айтаарбыз же айтпай койоорбуз" деген чечимге келип үйүнө келгенден кийин ал дагы ойлонуп калды. Ошол күнү үйүндө кечки тамакты ичип отурушканда Медет менен Жамал сүйлөшүп жатты:

- Эртең шаарга барып Акжолтойго жолугуп келейин, кандай иштеп жатат, иши окуусуна тоскоол боло турган болуп кыйналса иштебей эле койсун.

- Эптеп өтүп алып окуусунан аксап калбасын, иштебей эле койсун, бизди аяп жаткан го? - Жамал да өз оюн айтты.

- Ошону айтсаң, окуусун окуй берсин!

- Ошент, барсаң барып тыйын-тыпыр берип кел. Бизди аябай өзүн аясын.

- Ооба, - Медет ушуну айтып сыртка чыгып кетти. Алтынчач чуу көтөрүүнү каалабай кат жөнүндө үндөбөдү. Эртеси Медет таң заарында жөнөп кетти. Алтынчач Эркингүлгө эртерээк барып Саадат келгенче ага кеңешип калууга шашты. Ал кезде Саадат келе элек экен.

- Эркингүл, бул жөн эле атайы жасалган болуш керек. Атам кетти, билип келет, бул кат жөнүндө экөөбүз гана билебиз.

- Туура кыласың, мен деле ошентип ойлогом, андай болушу мүмкүн эмес эле…

- Капа болбо, андан көрө атам келгенден кийин катты окутуп койом, силерди эртерээк үйлөнтүүгө аргасыз болушат.

- Койсоңчу, эрте үйлөнгөндө эмне, окуп алалы.

- Антпесе ортодон бузукулар экөөңөрдү бөлүп тынсачы, бул башталышы, балким башкача оюн башташаар?

- Кантип? - Эркингүл Алтынчачты таңыркай карады.

- Ушинтип эле, эми такыр эле анын үстүнө кирип жашап алып, аны үйлөнүүгө аргасыз кылса кантесиң? Шаардык кыздардын колунан баары келет, алар биздей уяң, тартынчаак болбойт!

Эркингүл ойлонуп калды: "Чын эле алар абдан шустрый болушат, жумуш оңой табылса демек ошол кыз бир чоңдун кызыдыр, эптеп Акжолтойду имерип жүргөндүр?" Мелтиреп ойлонуп калган Эркингүлдүн оюн Саадаттын үнү бузуп жиберди:

- Салам кыздар!

- Салам! - экөө жарыша Саадат менен өбүшүп учурашып сөрүнү көздөй басты. Үчөө магнитофонду коюп шарактап күлүп көпкө отурушту. Калыс эне кыздарга карап коюп Эркингүлгө кайрылды:

- Кызым, конокторго тамак жаса айланайын, ансыз да көптөн бери жолугушпай сагынышып калдыңар, чериңер жазылганча тамак деле бышып калат.

- Макул эне, - Эркингүл илбериңки ордунан турганда Саадат менен Алтынчач да ордунан туруп курбусуна жардамдашып жатышты. Калыс эненин "тим эле койгула, отургула" дегенине болбой кошо жүрдү. Кыздар кечке отуруп тамактанып алып үйлөрүнө кетишти.

Арадан үч күн өткөндө Медет келди. Анын көңүлү тынып, ишин, окуп жаткан китептерин көрүп ыраазы болуп калган эле. Бирок уулунун жанында шаардык татынакай кыздын отурганын көрүп андан сурабады. "Эртерээк үйлөнтүп койбосом шаарда жүрүп бул бузулуп кандай кызга туш болот, эртелетейин" деген ойдо келген. Анын көңүлү жок болуп келгенин көргөн Алтынчач:

- Акжолтой байкем кандай, жакшы эле жүрүптүрбү, жатаканада жалгыз турат бекен? - деп сурап койду.

- Жакшы, уулум эстүү, азырынча жанындагы балдар үйлөрүнө кетип жалгыз болуп атыптыр, эми келишет да студенттер.

- Анда, ата, бул катты окуп көрүңүзчү! - ал колундагы катты берип "Эмне дээр экен?" деп туруп калды.

- Эмне деген кат экен? - Медет катты окуп алып көпкө ойлонуп калды: "Жанындагы кыздын атын Алтынай деп атты беле, ыя шумдугуң кургур, бул жөнүндө билбегенимди кара", - Качан келди бул кат? - Алтынчачты карай суроо узатты Медет.

- Сиз кетелекте эле келиптир, Эркингүл мага берген.

- Кудай уур! Кой, бул баланы үйлөнтпөсөм болбойт, Алтынай деген кыз жанында отурган экен, аны мага мени ушул кыздын атасы орноштурду деп тааныштырган.

- Анда ал кыз өзү эле Эркингүлдү суутуу үчүн жазган болуш керек!

- Дал ошондой болушу мүмкүн, - деген Медет тез арада мал сатып камынып алып шаарга келээрки жумада барабыз деп Калыс энеге өзү барып айтып келди. Муну уккан Эркингүл кубанычы койнуна батпай курбусу Саадатты кошо барасың деди эле, ал макул болду. Бул арада ага Алтынчач дагы жолугуп:

- Айтканың туптуура чыкты, көрсө байкемди жумушка орноштурган ошол кыздын атасы экен! - деди.

- Чынбы, анда атам деле жумуш таап берет керек болсо, атамды укканда баары жок дешпейт, дал ошол ордунда калтырып койот! - Эркингүл да оюндагысын айтып шаарга барганда атайлап кайсыл мекемеде иштеп жатса дайындатып коюуну ичинен ойлонуп койду.

Акжолтой Эркингүлдү ойлоп кээде гана Алтынай менен бирге сейилдеп келгени болбосо ага чын көңүлү менен берилбеди. Ал болсо Акжолтойду ар кандай жол менен өзүнө көңүл бурдурууга аракет кылып жүрдү: "Менин катымды алган Эркингүл келгенде сөзсүз жанында болушум керек, баары бир өзүмдү сүйдүргөнгө аракет кылам!" деген ойдо. Медет келгенде Акжолтой жанында отурган Алтынайдан уялды. Шашканынан аны менен тааныштыра кетти. Бирок Медет андан эч кандай шексинген эмес, "Жаштар эмеспи, чогуу окуйт чыгар, Акжолтоюм эстүү, жаман жолго түшпөйт!" деген ойдо камырабай, көңүлүнө эч арам ой келбей санаасы тынып кайткан эле.

ooo

Бир күнү Адыл Акжолтойдун жашаган жерин сураштырып таап келип калды. Аны көргөн ал бир эсе делдээ туруп калды. Көптөн бери көрбөгөнгө тааный албай:

- Сизге ким керек эле? - деди Акжолтой.

- Мен Акжолтой деген баланы издеп жүрөм, - деген Адыл аны үмүттүү карады. Кичинекейинде кеткен жээнин ал азыр таанымак эмес. Тайкесинин келээрин түк ойлобогон Акжолтой да аны бүшүркөй карады.

- Акжолтой деген менмин, сиз кимсиз?

- О-о садага болоюн десе, чоңоюп калган экенсиң да, мен таякең болот эмесминби, Адыл таякең!

- Саламатсызбы тайке, - Акжолтой таякеси менен кучакташа учурашты. Адыл кичине көз жашы кылды:

- Апаң байкуш тирүү болуп сенин ушундай эр жигит болгонуңду көрсө болбойт беле?! Кандай, айланайын, жакшы жүрөсүңбү? Мен сенин жазган катыңды алып Актилекти ээрчите келгемин!

- Кана, ал кайда? - Акжолтой шашкалактап кетти.

- Сыртта, азыр чакырайын, - Акжолтой таякеси менен кошо ээрчип чыгып өзүнө окшоп бою узун болгон инисин көрүп кучактап калды. Экөө көпкө чейин ыйлап туруп, анан бөлмөгө киргенден кийин Адыл аларды жубата сүйлөдү, - Жетим жетилет деген ушул, айланайындар, эми бир бириң менен катышып тургула.

- Калдык кайда?

- Ал силердин айылда, эки жыл болду, тайжеңеңин сиңдиси алып кеткен, чоңоюп калды. - Адыл "бага албай бизди ар кимибизди ар жакка тентиткенсиң" дейби деп тайсалдай түштү.

- Эки жыл болсо ким дегендин үйүндө?

- Сейил деген аял, анын күйөөсү жок.

- Билбейт экемин.

Үчөө көпкө чейин кобурашып отуруп, бир кезде Адыл:

- Баса, унута электе берейин, сени куттуктап койолу деп Актилек экөөбүз студент болушуңа кубанып беш миң сом алып келгенбиз. Байкуш тайжеңең да салам айтты, ал азыр сенден уялып жүрөт, - деди.

- Өткөн өттү, тайке, бул да болсо бешенеге жазылган экен, көрдүк, эгер апабыз тирүү болгондо үчөөбүз үч жакта болбой бир үйдө чоңоймокпуз, эми мен экөөнү өзүм колго алам! - Акжолтой ишеничтүү сүйлөдү. Анын ушул турушу менен сүйлөгөн сөзү кадимки токтолгон адамдай, бирөөгө кекенгендей түр менен ойлуу тайкесинин жүрөгүн сыздатып турду. Эки үч күн жүрүп тайкеси кеткени жатканда Медет келип калды. Аны көргөн Акжолтой өз ичинен: "атам мага капа болобу, иним менен жашатып тайкеме каттаганыма каршы болоор бекен?" деп ойлоп жиберди.

Адыл менен Медет бетме бет сүйлөшүп отуруп, Акжолтойду үйлөнтө турганын айтканда ал кубаттап жиберди.

- Эмки жума күнү сөйкө салды кылабыз, анан күздө үйлөнтөм!

- Жакшы болгон тура, биз да келебиз, - Адыл ага чын дилинен кубанып турганын жашырбады.

- Ата, эмне, камынып койдуңарбы?

- Ооба, уулум, боло турган иштин тезирээк эле бүткөнү жакшы, кыз да бойго жетип калды, бирөө жарым алакачып кетиши мүмкүн.

- Койчу?! - Акжолтой чындап эле чоочуп кетти.

- Эмне, ишенич жок, бойго жеткен кыз көптүн көзүндө болот, деги аны менен үйлөнүүгө көңүлүң барбы? Мен ошону сенден аныктап сураганы келдим.

- Ооба, бирок эрте го?

- Эрте-мерте эмес, жакшы жердин кызына, сулуу кызга кимдин көзү түшпөйт, үйлөнүп алып деле окуй бересиңер.

Ошону менен сөз бүтүп Актилек менен тайкеси келерки жумада ушул жерден жолугушууну болжоп жөнөп кетти. Алар кеткенден кийин Медет уулун жанына отургузуп алып эч сөз сүйлөбөй бир азга отуруп сөз баштады.

- Уулум сен Эркингүлдү сүйөсүңбү же?...

- Эмне болду ата? - Акжолтой атасын уяң, тартынчыктай карады.

- Мына бул катты ким жазды? - ал катты Акжолтойго карматты. Аны окуган Акжолтой өңү кубарып кетти:

- Качан, кимден алдыңыз?

- Эркингүл Алтынчачка бериптир. Же ушул кызды сүйөсүңбү, ачыгыңды айт?!

- Жок ата, бул жөн эле атайын жасаган тура, ага көрсөтөм, бузуку кандай болоорун.

- Ачууланганды токтот, андан көрө мен Тураттын үйүнө келип куда түшө берейинби?

- Ооба, мен Алтынай менен эч кандай сөзүм жок, жөн гана дос катары мамиле кылып койом!

- Болду жетишет, актана бербе, сени иште деп ким айтты, окутуп-чокутуп койчу милдетти ала турган адам турганда неге жооптошпой иш кыласың? - Медет Акжолтойдун чындап айтып турган сөзүнө ишенди, оюн туюп турган менен басымдуу сүйлөп аны мындан кийин өз алдынча иш кыла берүүсүнө тыюу салгысы келди.

Медет уулу менен ачык сүйлөшүп алып эртеси кайра кетип жатып ага минтти.

- Эркингүл чоң энеси экөө келишет, жаныңда жанагы кыз болбосун.

- Макул.

Акжолтой ойлонуп калды: "Эркингүл мага таарынат го, ага эмне деп айтам?" - деп.

Негедир ал күткөн учурда Алтынай келбеди. Акжолтойдун ага жини келип жумушка барбай эле телефон чалып койду. Ал окуунун жакындап калганын шылтоолоп жетише албайм деди тек гана. Ошонун эртеси Алтынай келип калды. Аны көргөн Акжолтой суз учурашты:

- Алтынай, бул эмне? - деп катты анын алдына таштады.

- Ал эмне экен? - Алтынай өзү жазган катты таанып турса да билмексен боло жооп узатты, - Ошончолук эле Эркингүлдү сүйөсүңбү?

- Ишиң болбосун! - Акжолтой аны жини келе заарлуу караганда ал тайсалдай түштү.

- Менин сүйүүм сен үчүн эч нерсеге арзыбайбы?

- Сенин сүйүүңдүн мага кереги жок, мен сени тааныбайм, азыр чыгып кет!

- Чыкпасамчы?! - Алтынай өчөшө бөйрөгүн таяна туруп алды, - Мен сени сүйөм, Акжолтой, балким ал сени мендей сүйбөстүр?

- Токтот сөзүңдү, азыр кетип кал сыйың менен!

- Кетпейм, сүйгөнүң келсе дал ушул жерден сүйлөшөм.

- Эмне деп?

- Мен Акжолтойду сүйөм, ал меники деп!

- Мына сага! - Акжолтой аны жаактан ары чаап-чаап жиберди.

- Акмак, мени ургандай кандай акың бар, азыр атама айтып түрмөгө отургузам!

- Билгениңди кыл!

Алтынай булкулдаган бойдон чыгып кетти.

- Уятсыз! - Акжолтой шалдырап отуруп калды.

Арадан эки-үч саат өтүп-өтпөй эле Төрөбек Акжолтойду жатаканадан эки милиция менен алдырып барып камап койду. Алтынай эркелигине салып, каалагандай басып-туруп көнүп калган кыз эле, ал турсун кээде ойноп-күлүп шапар тебүүнү адат кылып да алган. Аны атасы деле билип туруп күчкө салып аны Акжолтойго алып берип койом деп ойлоп жүргөн. Бирок ал ойлогондой болгон жок.

Медеттер келип аны жатаканадан таппай калышты. Иштеген жерине барып сураганда Төрөбөк Исаевичтин кызын уруп койгону үчүн камап коюшканын угуп Туратка айтканда ал телефон чалды эле өзү алды.

- Ало, Төрөбек Исаевичби? Бул мен, Туратмын. Акжолтойду эмне себептен каматып жүрөсүң?

- Аа-аа, ал сиздин кимиңиз эле?

- Албы, ал менин күйөө балам, давай азыр жакшынакай кылып чыгарып туруп үйгө ээрчитип келгин!

- Куп Туке, жарым саатта барып калам, - деген атасынын сөзүн уккан Алтынай сурап ийди:

- Кимди айтып жатат?

- Кимди эмне кыласың, кызым, жыландын куйругун бастырып койо жаздапсың, тиги министрдин күйөө баласы болот тура!

- Эмне, андан коркосузбу?

- Коркпойм, сыйлайм. Экөөбүз жакшы достордонбуз, уят болгон турбаймынбы!

- Анда мен өлөм, силерге менин керегим жок экен да, министр болсо эмне, ага кошомат кыласызбы, мен сизди эч кимден коркпойт деп жүрсө…- Алтынай тултуңдап ыйлап кирди.

- Бас оозуңду жарыбагыр, сен деп балээге калгым келбейт, ал министр болсо жакында мени да кызматка көтөрөм деген сөзү бар, сөзүнө турат, уят кылба кишини.

- Мен бул үйдөн кетем, биротоло кетем! - Алтынай жүгүргөн бойдон сыртка чыгып кеткенде артынан апасы чыкты:

- Кызмат-кызмат деп сенин да азабың өттү, ушул бизнесиң, тапкан дүнүйөң деле жетмек өлбөгөн жанга.

- Эй атаңдын оозун урайын акмак, кызмат деген кызмат да! Турат болсо жылдан жылга өйдөлөп баратат, бирөөнү колго алып койсом анын эмнеси жаман. - Төрөбек дароо Акжолтой жаткан РОВДга чалды.

- Ало, алиги баланы чыгарып койгула, мен азыр барам! - деди да дароо кийинип чыгып кетти.

Арадан жарым сааттай убакыт өткөндө Төрөбек Тураттын үйүнө Акжолтойду түшүрүп, Туратты сураганда Аида аны жумушунда деген жооп айтты. Медет аялы Жамал экөө ошол жерде отурушкан. Акжолтой үйгө кирбей тартынып турганда Медет чыкты да жүдөй түшкөн уулун көрүп боору ооруп кетти. "Эркингүл ушул турушумду көрбөсүн" деген ойдо ал атасын карап:

- Менин жөн эле кирип барганым уят го, анын үстүнө жуунуп алып келейин, - деди.

- Макул уулум, мына буга жаңы кийим сатып алып кийип ал.

- Жок менде акча бар, - Акжолтой маршрутка өтчү жолго карап басып кетти.

Эки күндөн кийин "Дасмия" ресторанында Акжолтой менен Эркингүлдүн сөйкө салуу аземи болуп, көптөгөн кызматташтарынын катарында Төрөбек да катышты. Сөз келип, ал Туратты карап эки жашка каалоо айтып жатып:

- Досум, кыз-күйөөңдүн бактылуу болушун каалайм, сен бар - булар бактылуу, ошон үчүн өзүңдүн да кадыр-баркың жогорулап, улам жогорку тепкичтерге чыга бер! - деди күлө, - ыргыткан ташың өйдөлөй берсин!

- Рахмат, айтканыңар келсин! - Турат чери жазыла Төрөбектин ага бөгүлө кошомат кылып жатканын сезип отурду. Ушул кечте эки жашка не деген гана каалоолор айтылбады, керемет сөздөр сүйлөнбөдү. Сөйкөнү Жамал Эркингүлдүн кулагына салып жатканда шаңдуу музыка коштоп турду. Турат эшикке чыкканда Төрөбек кошо чыгып жагына сүйлөдү:

- Туке, билбестик болуп кетти, менде жалгыз кыз бар билесиң, абдан эрке…-деп келе жатканда Турат аны сүйлөтпөй койду.

- Ооба, байлыгың да бар, билем. Биздин балдар деле ошондой, өзүң тарбиялай албагансың го?

- Байлыктын көбү да адамды эсиртет тура, ошол кыздын айынан…

- Ырас айтасың байлык кээде башты да жутаарын жакшы билесиң да, кой көп сөздү, конокторду узаталы! - Турат кайра киргенден кийин белгилүү артисттердин бири коноктордун көңүлүн ачып ырдап берди. Ак баталарын аяшпай келген конокторду узаткандан кийин өздөрү тойдун болоор күнүн белгилешип анан кайтышты. Медеттер көңүлү көтөрүлө кубаныч коштогон дем менен айылга кайра жөнөп кетишти. Эртеси айылга Медеттин уулу менен Тураттын кызынын кудалашканы жайылып бир даары тамашалашып, бир даары ушак кылып да жатты.

- Медет анын министр болгонуна карап эле куда боло койду да, болбосо баласы али жаш. Тимеле кошоматчы неме.

- Койсоңчу, балдары сүйлөшүп жүргөн тура, кудай кошкон куда, пайгамбар кошкон дос болот деген сөздүн чындыгы бар.

- Эгер кызынын көңүлү болбосо Медеттин кошоматына Турат кыз бермек эмес, ботом, Акжолтой да айылдын балдарынын алды болчу неме, жибектей созулган жигит.

- Эмнеси болсо да Медет министирге куда болуп отурат, экөөбүздүн балдарыбыз ошентип министирдин төрүнө отургузса кана?! - деп тамшанып аңыз кылып жатышты айылдагылар. Кээси атайын эле Медеттин үйүнө келип кешик доолап Жаркынга суктанып:

- Ай, министирге куда болуп жатсаң кешик ооз тиели деп эле келдик, сенден доолашпаганда кимден доолашат элек, - дешип сынай карашат. Андайда Жаркын да тим калмак беле, төбөсү көккө жетип кубанычын жашыралбай, коңшу-колоңуна төгүлүп берди:

- Кудайга шүгүр, балдар бир-бирин жактырып калыптыр, туз-насип буйрук экен, министирдин төрүнө отуруп сый көрүп, ресторанда үлпөт өткөрүп келдик, - деп дасторкон жайып, шаардан келген таттууларын төгүп жетиналбай жатты.

Ошол күздө, Акжолтойдун окуусу башталып калганда Медет убакытты созбой эле үйлөнтүп коюуну чечти.

- Кемпир, - деди ал Жаркынды карап, - убакытты созгондо эмне, бойго жеткен кыздын жоосу көп болот, бирөө-жарым алагачып кетелекте экөөнү кошуп койолу, колдо жок эмес, кудайга шүгүр, сен экөөбүз үйдү шардан эле сатып берип койолу, - барбалаңдап Медеттин да кубанычы койнуна батпай кеңешип отурду.

- Туура, үй сатып берип койбосок болбойт, колунда жок бечарадай көрүнбөй, - Жаркын да чын дилинен айтты муну. Ал ичинен Акжолтойдун министирдин кызын тандаганына ыраазы эле, элдин өздөрүнө суктанып кеп кылып жатканын угуп, ого бетер көңүлү көтөрүлүп калчу. Анан эмей, мындай адамдарга куда болуп төрүнө отурмак тургай атын угуп: "баланча министир түкүнчө чоңдун кызына куда түшүптүр дейт.. баланча чоңдун баласы түкүнчө депутаттын кызын алат имиш дейт.." деп аңыз кылышчу эмес беле. Карапайым эле Медеттин министирге куда болушу чоң жаңылык болду бир айылга..

Бул той да борборубуз Бишкекте өтүп жатты. Акжолтой менен Эркингүл жарашыктуу кийинип алып, күйөө жолдошу Токтобек жана кыз курбусу Саадат болушуп лимузинде кайкалап кетип баратышты. Бакыт үйүнө келип түшүшүп, андан чыкканда шаар аралашып, тээ Манас Ордого барышып кыргыз ата-бабаларына таазим кылышып, аерден жоро-жолдоштору менен сүрөткө түшүшүп, шаракташып оюн-ыр уюштурушуп, айтор кечке маал дайындалган ресторанга келип түшүштү. Залдагылар "жар-жар" айтып алакан чаап, баш кошкон эки жашты дүйүм тамактар менен ичимдиктер шыкалган столдорду аралатып тээ төргө барып кондурушту. Коноктор менен аттуу-баштуулар орун алышып, алардын арасында Тураттын кызматташ достору менен кошо Төрөбек да бар эле.

Ушул учурда сурамжылап жүрүп таап келген Ажар да ресторандын босогосун аттады. Негедир мындай жерде болуп көрбөгөнгөбү, же жалаң чоңдордун отурганынанбы, кирип барганга даабай, улам баш багып коюп кайра туруп калып жатты. Аида аны көрө калып дароо тааныды да, жанындагылардан кечирим сурап, ордунан туруп аны көздөй басып келди. Келбети келишип, сөөлөт күтө баштаган, сүйлөсө оозундагы алтын тиштери жаркырап, кийген кийими көз тайгылткан жаш айымды көргөндө Ажар ого бетер какап калды..

- Оой Ажар эже, кайдан жүрөсүз, той болуп жатат, кирип отуруп кетиңиз даамдашып! - Аида эч нерсе билбеген немедей болуп, ага жаркылдай сүйлөдү.

- А-аа, мен жөн эле.. мындай өтүп бараткам, анан баш бага калдым эле.. - Ажар ыңгайсыздана Аида менен дурустап да учураша албады.

- Менин Эркингүлүмдү билесиз да, бүгүн үйлөнүү тоюн өткөрүп жатабыз, турмушка чыгып жатат! - Аида атайын эле ага эмне дээр экен деп айтты. - Жалгыз эле кызыбыз бар экенин билесиз да, калганы уул балдар, атасы жанындай көрөт, анан калса.

- Ооба, ооба, билбей анан… - Ажардын башы шылк эте жер карап калды.

- Аида! - тигинден Турат чакырып калды. - Бол эрте, ким ал?

- Азыр! - Аида Ажарга карады: - Эже, мынча келипсиз, кириңиз ичкери. "Тойго куш канатын салып өтөт" деген сөз бар эмеспи.

- Жок, жок, мен кете берейин.. - Ажар кылчактап ары карай басты.

- Сиз бирдеме деп айталбай жатасыз го? - Аида аны кыжыры келгендей сынай карады. Көз алдында эми эле ушул аял Эркингүлдү колунан жетелеп басып кетчүдөй туюлуп кетти. Кызганычы ташкындап: "Бирдеме деп эле көрсүнчү, экинчи менин көзүмө көрүнгүс кылам", - деп ого бетер жини келе баштады.

- Мм.. - Ажар Аидадан бир жакшы сөз күткөндөй үмүттүү карады. - Мен.. мен.. мен..

- Айта бериңиз! - Аида канчалык жини кетип турса да, өзүн токтоо кармап сүйлөдү. Бирок көздөрү ушул саам заар чачып тургандай көрүндү Ажарга. Анын көздөрүнөн жалтактаган Ажар кайра артына бурулду. Карап турган Аида анын артынан басып баратып: "Муну менин да, Эркингүлдүн да изин баскыс кылайын, тим койсом "сенин энеңмин" деп ага айтышы да мүмкүн" деп ойлоп, Ажарды карыдан шак кармап токтотту. - Өзүңүз айтат экен десе айтпайсыз, мен сиздин эмнеге келип жүргөнүңүздү эң жакшы билем! Эркингүлдү оюңуздан чыгарып коюңуз да, сыйыңыз менен кетип калыңыз, ал менин гана кызым, билдиңизби?! Менин гана кызым, сени эне катары көрөт деп атасыңбы?? - Аида үнүн пас чыгарып, бирок буулуга сүйлөдү.

- Аида, айланайын, ачууланбачы, мен сенден кызымды талашайын деген ойдо эмесмин, көргүм келет, эне катары жыттап эркелетким келет..

- Эне болуп эркелеткиң келсе эмнеге таштадың, же сени бирөө зордоп таштаттыбы? - Ушул учурда Эркингүл ары жактан аларды көздөй: "Мамам ким менен сүйлөшүп жатат? " деп ойлоп басып келаткан эле тык токтой калды, - Эне баласын таштабайт, баласын таштаган эне эне эмес, экинчи менин да, Эркингүлдүн да изине түшпөгүн, Эркингүл менин кызым, уктуңбу??? - Аида Ажарды колтугунан алып жетелеп сыртка чыгарды. Анын колунда атайын Эркингүлгө арнап сатып алган апаппак көйнөк менен жоолук бар эле, анысын мыжыга кармаган Ажар жооп кайтарууга чамасы келбей көзүнүн жашы жамгырдай төгүлүп чыгып кетти. Эркингүл Аиданын сөзүн угуп сестейе түштү: "Эмне деп жатат, кимге айтты бул сөздү?" деп башы маң боло ойлуу туруп калды. Аиданын кайра кирип келаткан дабышын угуп эми келаткандай алдынан тозо басты.

- Мама ал ким? - Эркингүл эч нерсе укпагандай сурады, бирок ичи уйгу-туйгу болуп жаткан.

- Тиги… - Аида да аны көрүп, такалып сөз таппай калды. - Тигичи, Ажар деген аял келиптир…

- Эмнеге?

- Эмнеге болсун, жөн эле, жүрү кызым аны эмне кыласың, коноктор күтүп калды, сен ордуңа отур, эч нерсеге көңүл бурба, келген конокторду өзүм эле тосуп алам! - Аида ачууланганда мууну калчылдап кеткен эле араң өзүнө келди. Эркингүл экөө эне бала болуп колтукташып барып жанаша отуруп калды. Эркингүлдүн ою онго бөлүнүп жан дүйнөсүнө бүлүк түшүп жатты: "Ажар дейби, ошого айттыбы сенин кызың эмес менин кызым деп?" чаржайыт ойлорго берилип кабагы бүркөлгөнүн байкаган Аида өз ичинен: "менин сөзүмдү угуп койгон го же Ажар артынан түшүп жүрүп өзүнүн энеси экенин эбак эле таанытып койдубу, балким бүгүнкү үйлөнүү тойдун болоорун Эркингүлдөн угуп келгендир?…" деп ою онго, санаасы санга бөлүнүп канчалык өзүн жайдары көрсөтүүгө аракеттенсе да улам Эркингүлдү көз кырынан карап алагдылана берди. Акжолтой менен коноктор болсо ичип шарактап отурушуп, анча байкабады. Көптөн кийин гана анын кабагы бүркөө ойлуу отурганын көргөн Турат:

- Аида, сага эмне болду, коноктор отурса сенин кабак бүркөгөнүң кантип болсун, - деп шыбырады.

- Мага көңүл бурбай эле конокторду жакшылап тейлей бер, менин бир аз башым ооруп турат.

- Ошентсе да күлүп жайнап отурчу, менин кызматташтарым эмне деп ойлошот, чыда жаным чыда, - Турат акырын Аида менен сүйлөшүп жайгара сүйлөдү.

Ушул учурда Акжолтой да Эркингүлдүн суз болуп калганын байкап калды.

- Эркингүл, Экуля, сага эмне болду, көңүлүң чөгүп, суз отурганың эмнең, бүгүн биздин бактылуу болуп, биригип, бир бүтүнгө айланар учурубузда сен жылмайып гана отурушуң керек, уктуңбу?! Билсең, азыр сен экөөбүздөн башка бактылуу жоктой канаттуу эркин кушка окшоп кыялымда абалап учуп жүрөм, сенчи жаным, же сен мага турмушка чыгып жатканыңа өкүнүп калдыңбы? - Акжолтой үйрүлө Эркингүлдү карыдан ала кулагына сүйлөп жатты: - Жаркылдап күлчү, көңүлүңдү аччы, жаным!?

- Эч нерсеге капа болгонум жок, табым айныгансып турат.

- Кой антип айтпачы жаным, сен ооруба, биз бактылуу болобуз көрөсүң го?

- Ийи, мен деле ошентип ойлойм…

- Бир нерсеге капа болгонсуң го, ээ?

- Жок, капа болгонум жок. - Эркингүл өзүн зордоп күлө карап койду.

Ал эми Ажар колундагы арналган белеги ээсине берилбей калганына ызаланып көзүнүн жашын көлдөтө үн чыгарбай солкулдап ыйлап кетип баратты: "Ооба, ал туура айтты, мен эми ага энеңмин деп айтууга акым жок, бүттү баары, Аиданын жүрөгүн оорутканым жетет, кызымдын да жүрөгүн оорутпай тынч койойун, аман болсун, уучум кур эмес го, турбайбы балдарым, бактылуу болсо болду, мен көргөндү көрбөсө экен, өлбөй чоңойсо экен" деп, "бир кезде кызыл эт немени таштап койгонум жалган беле, эми эч качан кайрылып келбейм, бүттү..." деп колундагы пакеттен көйнөктү алып караңгы түндө жинди болгон эмедей жазып көрүп көзүнө сүрттү да жол боюндагы дарактын түбүнө отура калып буркурап ыйлап жатты, бул кезде түн тынчтыгы өкүм сүрүп бирин-серин гана өткөн караан болбосо шаар жымжырт болуп анда-санда зуулдаган машиналардын үнү угулат. Бир кезде "эптеп эле аман чоңойсо болду, бага албай албай өлтүрүп албайлы" деп заңгыраган үйдүн темир дарбазасынын түбүнө күлүп калган ымыркайды таштап коюп Сапар экөөнүн алыстан карап турганы көз алдына тартылды. Ыйлап ыйлап отуруп бараар жери жок болгондуктан "кайда болсо баары бир эмеспи" дегендей үмүтү үзүлүп отурган жеринде уйкуга кирди. Азыркы мезгилде көрүнгөн жерлерде, бактын түбүндө жаткан адамдар көп болгондуктан ага көңүл буруп боор ооруган киши табылышы күмөн эмеспи. Эртеси ойгонуп ордунан туруп эки жагын күбүнүп баратып: "өз үй өлөң төшөгүм бар эмеспи, жай турмушумду уланта берейин, кудайдын ушунусуна да шүгүрчүлүк, өлбөгүдөй оокатыбыз турат го, кызыма өмүр бере гөр, айланайын жараткан" деп үшкүрүнүп алды да жолуна түштү.

Эркингүл: "болсо болгондур, менин энем болгон күндө да аны апа деп айта албайм, өз канынан жаралган баласындай алпештеген ата-энем турса, аларды аттап кантип эне катары кабыл алмак элем, өзүнө чала таштап кеткен" деп кайрадан ойлуу отурду ал. Ал ушул саам Ажардын жанында жүрсө кандай абалда тарбия көрөөрүн элестетти, асман менен жердин айырмасы бар экенин ойлоду. "Мен эч качан төрөгөн баламды таштабайм, бирөөгө да карматпайм," деп өзүнө өзү ант бергендей ордунан тура калды. Аны байкаган Акжолтой:

- Сен кайда? - деп кошо турду.

- Азыр, - Эркингүл ойлонуп кетип сыртына чыгара күбүрөп алганын, ордунан тура калганын туя калып чочуп кетти, - Мен азыр келем, сен отура бер! - деп артта бийлеп жаткан Аиданын жанына жете келип бирдеме дегендей болду да экөө сыртка чыгышты.

Кайрадан бий бүтүп столго отурушканда тосттор айтылып эки жашка бакыт-таалай каалап жатышты. Төрөбек да кызуу абалда сөз алып сүйлөп кирди.

- Туке, кыз-күйөөңдүн бактысы тоодой болуп ардайым ырыстуу болушсун, алардын, жаркылдаган жарыңдын маңдайында бизге окшогон досторуңдун арасында кадыр баркың мүнөт сайын жогорулап, өзүң да аман бол!

- Рахмат! - Турат маңдайы жарыла кубанычтуу жылмайды.

- Эки жаш бактылуу болушсун!

- Бактылуу болуп, узак жашап ата-энесин сыйлаган кайрымдуу уул-келин, кыз-күйөө болушсун!

- Айтканыңар келсин! - Аида ордунан тура калып конокторду жаркылдай карап ыраазылык билдирип жатты.

- Урматтуу куда-кудагый, ардактуу коноктор, - деди Медет ордунан туруп, баары аны карап жымжырт отуруп калышты, - Мен да уул-келиниме жүрөгүмдөн чыккан ак батамды берип, ылайым бактылуу болсун деп каалайм, ынтымактуу жашап үлгүлүү үйбүлөдөн болушсун, анан ушул азыр уул-келиндин колуна бир бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырып койсом.

- Ой азама-ат!

- Ата-энең деген ушундай болсо, азамат!

- Кут болсун бактыңар, ак жолтой болсун үйүңөр!

- Акжолтой! Эркингүл! - жаштар кол чаап, музыка жаңырып турду. Бир кезде Турат ордунан туруп:

-Урматтуу бүгүнкү күндө менин кубанычыма ортоктош болуп отурган конокторум, күйөө балам Акжолтой, алтын кызым Эку, мен да силерге дүйнөдөгү түгөнбөгөн кенчти, ноюбаган кайратты, Алатоодой бакытты, дайрадай узун өмүрдү каалап, Джип машинасынын ачкычын тапшырам! Ылайым бактылуу болгула! - деди .

-Азаматтар!

-Эки куда тең шыр кетти, март экен!

-Тилегиңерге жеткиле! - дешип шарактап, ар бир тост сүйлөнгөн сайын музыка коштоп той шаңдуу өтүп жатты. Аида эл арасында өзүн эркин сезип, кабагы ачылып жүргөнү менен жүрөгү мыкчылып: "Катуу айтып койдум го, кантсе да энеси эмеспи, бекер кылдым, мен деле Туратка жолукпасам эмне болоорумду кудай өзү билмек" деп, ата-энесинен окууга барам деп келип алып: "ойноп-күлүп, жаштыгымды каалагандай өткөрөм" деп акырында эч кимге кереги жок болуп калган мүнөттөрүн көз алдына келтире Ажарга боору ооруп турду.

"Бакыт айтып келбейт, шорду өзүң тилеп аласың" дегендей, Медеттин кубанычында чек жок эле... Бир убакта азып-тозуп азап чексе, эми бакыбат турмушта жакшы жар, бала-чакасынын маңдайында ырыстуу жылмайып келин алган баш куда болуп, конокторду узатып Жаркын экөө жүгүрүп турду. "Айдын он беши караңгы, он беши жарык" деп бекер айтылбаса керек.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз