Айтматов Чыңгыз


ТООЛОР КУЛАГАНДА


(Кайып колукту)


I


Жан бүткөндүн баары үчүн дайыма бирдей болгон талашсыз бир чындык бар - маңдайына жазылганды, тагдыр деген эмне экенин алдын ала эч ким биле албайт - кимге эмне буйруганын жашоо гана көрсөтөт, болбосо тагдырдын тагдырдыгы кайсы... Дүйнө жаралгандан тартып дайыма ушундай болгон, бейиштен куулган Адам ата менен Обо энеден бери - бу да болсо тагдыр - ошондон тартып, тагдыр сыры баары жана ар бири үчүн кылымдан-кылымга, күндөн-күнгө, ар бир саат жана ар бир мүнөттө табышмак бойдон калууда...

Мына азыр да дал ошондой болду. Ооба. Бул ирет дагы ошонун эле өзү, адамдын акылынын чегинен тышкары болгон, алтургай жараткандын кудуретине да баш ийбеген окуяны алдын ала ким биле алмак.


Ошентсе да, акыл-эс жетпегенди аңдап билүүгө аракеттенип жатып, божомолдой турган жалгыз нерсе - бул бир гана мааниде, дагы эле тагдыр буйруп, алар бир жылдыздын астында төрөлүшү жөнүндө баяндоо, эки жандын кандайдыр бир төлгө жылдыздарынын өз ара байланышы, алардын космостук жакындыгы болгондур. Ооба, ошондой да болушу мүмкүн эле...

Албетте, алар бири-биринин жер бетинде бар экени тууралуу кабары жок жана болушу да мүмкүн эмес болчу. Анткени алардын бирөө шаарда жашачу, эл көптүгүнөн батпай быкылдаган, көчөлөрдөгү соода-сатыктан жана тамактануу жайларындагы шишкебектин түтүнүнөн дал-далынан сөгүлчүдөй болгон, көп калктуу, заманбап чоң шаарда, ал эми экинчиси бийик тоолордо, дүпүйгөн калың арчалар жана жарым жылдап эрибеген көлөкөдөгү карлар менен капталган жапайы аскалуу капчыгайларда жашаар эле. Ошон үчүн ал ак илбирс деп аталчу. Ал эми бийик тоолук жырткычтар жөнүндөгү илимде - кабылан тукумундагы, мышыктар түркүмүнө кирген теңир-тоолук ак илбирстер деп аталат, аларга жолборстор да кирет. Жергиликтүү калк арасында болсо мындай жырткычты жаабарс (илбирс - жаанын жебеси) деп аташат, анын жаратылышына бул ат көбүрөөк туура келет - секиргенде ал чын эле жаанын огу сымал тез жана шамдагай. Аны "кар кечкен илбирс" деп да коюшат, белчесинен кар кечип жүрүүчү деген мааниде... Бул дагы чындыкка дал келет... Башка жандыктар тоодогу кар күрткүлөрүнүн туткуну болбоо үчүн жол издешет, ал болсо күчтүү! - бет алган жагынан кайтпайт...

Илбирстердин аңчылыкка чыгуу убактысы көбүнчө чак түшкө туура келчү. Ал убак тоодогу кайберендер суу ичер маал болот - каны каткан жапайы элик-эчкилер менен аркар-кулжалар ар кай жактардан булактарга, өзөндөргө суусунун кандыруу үчүн күндөп-түндөп агылып келе башташат. Суу ичүүгө алар топтошуп, ынтымактуу келишет. Жеңил серпиле текирең-таскак салышып, жалгыз аяк жолдор менен басып, туяктары жерге дээрлик тийип-тийбей, ар бир көз ирмемде так секирип, коркунучтан алыс качуу үчүн, жан-жактарына көз сала, сактана кулак төшөп, чакан топторго бөлүнүп чубап жүрүп отурушат.

Жаабарс деги өзүнүн жырткычтык ишин мыкты билет. Күтүүсүздөн өйдө жактан, аскадан секирүү үчүн ал эпчилдик менен буктурмада эбин таап жашырынып алып, өз олжосун күтүп жатат (бул эң ыңгайлуу ыкма), же күтүүсүздөн капталдан, бадалдардын арасынан бой таштап, курмандыгын жерге жыгып, ошол замат анын тамагын кырча тиштейт, атырылган ысык кан жая берет, андан аркысы - белгилүү иш...

Андан калса олжону кубалап жетүү, үйүр суудан каныга ичкенден кийин өтө оңой. Бул үчүн жакын жердеги буктурмада жатканды да билүү зарыл - кыймылдаса эле иштин бүткөнү, тирүү жандык мына бир секирсе эле жетчү жерде экенине карабастан чымырканып күтүү керек. Эки жагын кыраакы каранып, кайберендер ичке моюндуу баштарын эңкейтип, кулактарын тикчийте, оттой көздөрүн сактана жылтыратып, алдыңкы буттары менен тизесине чейин суу кечип, үн чыгарбастан суудан улам-улам жутуп ичип бүткөнчө, болгон күчү менен өзүн карманып күтүшү керек. Алар шылдыраган суудан канчалык көп жуткан сайын, илбирсти ошончолук чоң олжо күтүүдө. Эгер түз качкандарын кубалоого туура келсе, убара болбой эле койгон оң, бул кайберендер жел жетпес күлүктөр. Алар үндөн да тез чуркашат - ошентип кутулушат - бакырышпайт, чырылдашпайт, кургакчылык маалында кээде ушул майда жыгачтуу токойго келип калчу жапайы чочколор өңдөнүп, же башка жандыктар сымал качып бара жатып коркконунан заңдашпайт. Кайберендер суудан тоё ичип алышкан соң, алардын шамдагайлыгы баштагыдай болбой калат, ошондо алар артка кайтуу үчүн суудан четке чыгаар замат ишке киришүү зарыл...

Бул жолу да түшкө жакын Жаабарс булактын жанынан аңчылык кылууга көңүлдөндү. Ал шашылбастан, бадалдарды аралап, көнүмүш шылдыраган булакты бойлой, эки жагын, аркасын каранып бара жатты - артынан ак илбирстердин, темгилдүү тукумдаштарынын бирөө пайда болушу мүмкүн. Өзгөчө аңчылыкка үй-бүлөлүк топ чыккан учурда ушундай болуп калат, бирок болбой эле койгону жакшы. Ашыкча чатакташуунун жана бири-бирин жактырбай ыркырашуунун эмне кереги бар! Жалгыз аңчылык кылгандан өтөөрү жок. Ошентип ал кетип баратты...

Күзгө жакындап калган мезгил, бул Теңир-Тоонун бийик тоолорундагы эң керемет учур - кардуу бороондор жакында башталбайт, ашуулар али ачык, бардык илбээсин жай бою эттенип, даамына келип, канаттуулар - али сайрап, каалагандай сайрандап, ал эми сары ооз балапандар буттарына туруп талпынып калган чак. Бул жерде канаттуулар кышка калбайт, келерки жайга чейин бардык куштар кайдадыр учуп кетишет. Катуу кыш ызгаарын алар көтөрө алышпайт...

Суу ичүүгө келе жаткан эликтер көрүнбөйбү деп караган Жаабарс, бадалдар менен аскалардын ортосунан темгилдүү далысын байкатпас үчүн жерге жата калып, боортоктоп жылып баратты. Бойлуу жана тике ыйык жалы абдан кыймылдуу, күчтүү, жоон моюн, салмактуу чоң башы, мышыктыкына окшош тик кулактары жана тикийген көздөрү, караңгыда нурдана жылтыраган Жаабарстын тулку бою ийилчээк, узун жана күчтүү, табият ага, ырларда ырдалгандай, сыйкырчы бакшылар менен хандар жамынып жүрүүчү, ийи майда жибек жүндүү, темгилдери даана тери берген. Керилип басып баратып ал, өзүнүн африкалык тууганы - кабыланга абдан окшош экенин билсечи, жадагалса куйруктары да бирдей узун жана айбардуу. Чынында, кабылан-тууганы кайдагы бир мышыкка окшоп, олжосуна секирүү оңой болушу үчүн талга чыгууга аргасыз, ал эми ак илбирстер болсо олуттуураак - аскаларга, жарларга чыгуу маңдайларына жазылган, анын үстүнө, төрт-беш миңдик бийиктикте Африкадагыдай кубаттуу талдар жок, бул аймактагы токойлор ылдый жакта, өрөөндөрдө өсөт жана ал жактагы бутак-шактарда сүлөөсүндөр эле жашабаса... Кээде, ал токойлуу жайларга илбирстер адашып барып калган учурлар болот, ошондо сүлөөсүндөр аларга сүр көрсөтө ырылдашат, ыркырашат, өздөрүнүн теги бир тукумдаштарын тааныгылары келбегенсишет. Ак илбирстер үчүн башка бийик дүйнө бар - алар үчүн жашоо мейкини болуп асман тиреген тоолор эсептелет жана аларды жел жетпес кайберендер менен жарышта жеткен жерден алышып кармаша да, күч сынаша да кеткен улуу аңчылык күтүүдө...

Жаабарс көп өтпөй өзүнө ыңгайлуу орун таап, чакан булактын жээгиндеги бадалдардын арасындагы чоң таштарга жатып калды. Тырмактарын кайрап, оңдонуп, жашырынды. Бул жакка каны каткан кайберендер суу ичкени келишмек, алар жети чакты, зоонун кыры менен кериле, бирок ошол эле учурда корккон түр менен баштарын силке көтөрүп, басып келе жатышты. Ал аларды тээ алыстан, асканын жаракасынан аңдып карап турган. Эми былк этпей күтүп калды.

Күн бийиктен, чакчая жаркырап, сейрек булуттар ары-бери жылып, Теңир-Тоонун кыркаларынын мөңгүлүү чокуларына бир аз тийип турду. Көптү көргөн жырткычтын ички туюму, сезгичтиги боюнча баары ойдогудай жүрүп жатат. Аңчылыктын чечүүчү кези жакындады. Жаабарсты ичинен кооптонткон жалгыз нерсе, таштардын арасында жашынып жатып, деми кыстыккансып, өзүнүн дем алуусун өзү даана укканы болду. Албетте, тез чуркап баратканда жана кескин секирүүдө же ургаачы талашып, аянбай алышканда, ырылдап-күрүлдөө менен катуу дем алганда, баарын үзүп-жулкуп, айланадагылардын баарысын муунтуп салууга даяр турганда мындай боло берет дечи. Бирок бүт ыкласты топтоп, буктурмадагы жер менен жер болуп толук жуурулушууну талап кылган, кыймылсыз күтүп жаткан абалда, бардык көңүл сыртка бурулган учурда, мындай энтигүү болушу мүмкүн эмес. Ошентсе да ал өзүнүн ар бир дем алуусун угуп жатты. Негизи акыркы убакта Жаабарстын жашоосунда көп нерсе өзгөрдү. Өткөн кыштан бери ал - каардуу жалгыз илбирс, тобунан алыстап, өзүнчө жашайт эмеспи. Акырындан карылык жакындаганда ушундай болот. Көптөн бери ошого бараткан. Анын ургаачы илбирсине жаштардан жаңы илбирс кошулгандан бери, анын баштагыдай эч кимге кереги да жок болуп калган. Жекеме-жеке кармашуу өтө катуу болду, бирок каршылашын жеңе албады. Кийин дагы таймашышты, өлөрчө катуу кабышты, бирок кайрадан чоочун илбирсти кубалап жибере алган жок. Тиги чунак кулак (бир кулагы мурдагы кармаштарда болсо керек, тытылган) өтө көк, ары кежир, ары чаалыкпас жырткыч болуп чыкты, ургаачы илбирске асылып, тийишип, жабышып, сес көрсөтө ыркырап да жатты. Жана ушунун баары Жаабарстын көз алдында болгонун кантесиң. Акырында, тоодогу жер титирөөдөн каза тапкан биринчи ургаачысынан кийин көпкө чейин чогуу жашап, эки мертебе төл көргөн ургаачысы өзү да жаңы эркек илбирс менен, чунак кулак менен кетти. Ачык эле бирде куйругун оңду-солду шыйпаңдатып, бирде чатына кыса, бирде капталдарын жана далысын жаңы ынагына сүрткүлөй кетип бара жатты. Кетти, карап да койгон жок...

Ошондо Жаабарс артынан атырыла тийип кол сала турган болуп калды. Кууп жетти, кууп жетүү оңой эле - алар коктуда желдире чуркап баратышкан, бирок анысынан эч майнап чыкпады, баары мурдагыдай эле болду. Кайрадан жекеме-жеке катуу кармаш башталды. Бирок бул ирет ургаачы илбирс өзү да Жаабарска асылды, тиштегиледи, тытмалады жана бул Жаабарстын топтогу өз ордун сактоого, илбирстер тукумундагы эркектик - тукум улоочулук табигый ролун узартууга болгон аракетин жокко чыгарган акыркы сокку болду. Бирок ошондо да, бир аздан кийин өзүнө келген соң, Жаабарс жини менен кошуна топко кирип барып, жаш, жетилген ургаачылардын бирөөнү жандоого аракет жасады. Бул жерде да айыгышкан алышуу болду, анткени бир учурда үч эркек кармашты, бул саам дагы жолу болгон жок. Ургаачы жана ага талапкер жаш эркек илбирстерден турган топ өз ара мамилелерин чечүү максатында жакынкы капчыгайга бет алышты, Жаабарс болсо жалгыз, өзүнүн бешенесине жазылган негизги энчисинен ажыраган бойдон кала берди - тукум улоо үчүн күрөштө табият дайыма кийинки келген жаш күчтөрдү тандайт тура.

Биротоло кетээрден мурда Жаабарс бир топко чейин ал аймакта айланып-тегеренип жүрдү - бирде бара жатып токтой калып, бирде максатсыз ары-бери чуркады, бирде жин тийгенсип жата калып, кайра тура калып, жанынын бардыгынча салган айкырыгы менен тоолорду жаңыртты. Анын карышкырча улугусу келди, ага бу жөндөм табияттан берилгенде эмне. Айран таң кала, башы маң болуп, өзүн кайда катаарын билбеди, алтурсун аңчылыкка болгон кумары да жоголду, аны азыр олжо кызыктырбады - али күч-кубаттуу, аңдыганын алдырбаган аңчы, ары өтө карый элек Жаабарстын азыр алар менен иши болбой жатканын билип турган өңдүү - тоо текелер үйүрү менен жанынан жайбаракат желе басып өтүштү...

Чынында эле ошондой болчу. Мына ошондо, ал үчүн көндүм маанисин жоготкон, түшүнүксүз убакта, ал күтүлбөгөн жерден аны ашынган азаптарга салган нерсенин дал өзүн көрүп калды. Аскалуу зоонун кырындагы ийрейген арчанын дүмүрүнө жөлөнүп, ал айланасына кайдыгер эле көз чаптырып турган, капыстан төмөндө коктуну бойлой жупташа чуркап бараткан эки ак илбирс көзүнө урунду - жаш, бири-бирин жаңыдан табышкан эркек менен ургаачы, күч менен кумарланууга толо, өздөрүнүн жердеги кыртышынан ажырап асманга көкөлөөр алдында, бири-биринин кандарын кызытуу үчүн ойноп тиштегилеше, чуркап бараткан калыбында бийлеп жатышкансыды... Ушундай аралыктан да алардын көздөрүнүн жалооруй жалжылдаганы көрүнүп турду.

Өзүнөн-өзү кулап түштү да, боортоктоп жылып жөнөдү Жаабарс, өзүнөн-өзү качып кеткиси келгендей онтоп да жиберди, бирок кайда бармак? Бир кезде мындай тулку бойдун эриши анын да башынан өткөн, ал кезде жылан сымал ийилчеек, буттарына ороло калып, кумарлуу кыңшылаган ургаачысы менен дал ушинтип ойночу. Коңшу топтон тартып алган жаш ургаачысы менен да дал ушундай болгон. Алар да ошондо тукумдаштарынан алыс, үйүгүшкөн иттерче алардын көзүнө чалдыкпаш үчүн көздөн далда чуркап кетишкен, анткени бул экөө үчүн гана арналган толук жалгыздыкта боло турган - жалгыз гана түгөйлөргө багышталган жаратылыштын сыры эмеспи... Күүгө келишип, алар да ошондо үйүгүшүү кумарына чаңкап, зымырашкан, ушул сымал денелери сыйкырды күтө жалындаган жана алардын төбөсүндөгү асман да жалындаган жана алды жактагы тоолордун чокулары чагылыша термелишкен. О, анда айланадагы бүт дүйнө кубулжуп жаркып турган, ал эми алар - жаңы түгөйлөр, дагы эле бири-бирине кыналыша, эс-мас кылган касиеттүү күч менен бири-бирин арбай, эмки жазда жаңы төл, ак илбирстер тукумун улоочулар пайда болушу үчүн... ошол эрте күздүн күнү жарыша чуркап кетип баратышты.

Тулку бойлору керилип, алдыга сүзүп бараткан балыктарча куйруктарын шамалга булактата бири-бирине дээрлик чапташып учуп баратышты. Ургаачысы бир аз алдыда, эркегинен жарым кадам алга озуп - ургаачынын биринчилиги ошондо. Эркеги - көп да, аз да эмес, жарым кадам - артта кала жана ургаачысынын денесинин жытына мас боло, анын ысык демине эргип, чуркаганда жүрөгүнүн дүкүлдөп согушун тыңшап бара жатат. Буга чейин Жаабарска белгисиз болгон бирдеме аны тынчсыздантып толкундантып турду. Ошол көз ирмемде ал кандайдыр бир - созулган, күүлдөгөн, ышкырган, жаңырык болуп шамал менен таркаган жаңы добуштарды угуп жатты. Алар анын башынын жогору жагындагы кайсы бир жерде жарыктын нурларында пайда болуп, күчөп, аба толкунунда, тез батып бараткан күндүн шооласында, айланадагы тоолор менен токойлордун ыргагында көкөлөп жүрдү. О, ал жашоонун ааламдык музыкасы, алардын үйүгүшүүсүнүн улуу увертюрасы экенин ак илбирс кайдан билсин... Бирок ал, бар болгону, көп учурда болуучу, акыры ырайымсыз чындыкка айланган ырахаттуу закым болуп чыга келди. Күндөр агылып, жыл мезгилдери биринин артынан бири алмашып, кайталанып жатты, закым акырындап эрип кетти...

Тагдырдын жазмышын алдын-ала болжоп болбойт - ушундай болгон, түбөлүккө ушундай боло берет жана эч ким буга кийлигише албайт.

Жаабарстын башына жек көрүндүлүк көргүлүгү түшүп, анын ургаачысы баарынын көзүнчө, эртеден берки эркектердин кармашуусунун жыйынтыгы боюнча, чунак кулак жеңүүчү менен үйүгүшүү кызыгына батуу үчүн кетип калган күнү, Жаабарс ушул чөлкөмдө сандалып башы оогон жакка басып кетти. Көөдөнүндөгү ашып-ташкан ачуусун басууга аракет кылып, максатсыз ары-бери каңгып жүрө берди, жадагалса аңчылык маалын да өткөрүп жиберди. Дал ошондо - ушундай да кыянаттык болот экен - калың чөптүү тоо коктуларынын биринде ал үйүгүшүп жаткан ургаачысы менен шок чунак кулакка бет келип кала жаздады. Бул чечүүчү көз ирмем эле. Экөөнөн бирдей өч алуу үчүн Жаабарс эки кадам жасаса жетиштүү болмок. Бирок ал капыстан акыркы көз ирмемде жек көрүмчү түгөйлөрдөн канга толгон көздөрүн албай, токтоду да катып калды - кандайдыр бир белгисиз күч, белгисиз үн, белгисиз эрк аны токтотту. Кимдир бирөө ичтен буйругандай - тукум улап жаткандарга тийбе, зыян келтирбе деп шыбырап айткандай болду. Ал артка бурулду да, мүдүрүлүп-чалынып, оолак кетип баратты, бара жатып онтоду, ый аралаш ырылдап ичи өрттөнүп жатты...

Илбирстер тобунан улам алыстаган Жаабарс, бара-бара таптакыр жалгыз, кандай шылтоо менен болсо да өлөрчө алышууга даяр, аёосуз жана каардуу селсаяк-жырткычка айланды. Үңкүрлөрдө жашады, кутулууга жанталашып качкан жаныбарлардын артынан бийик тоолуу кар баскан жерлерге чейин бара калып жүрдү жана ар кай жактан анын калдыгын жеп түгөтүү үчүн майда мителер - чөөлөр, түлкүлөр, кашкулактар топтолуп келиши үчүн, чырылдашып, канаттары, тырмактары менен чабышып, нааразы боло кыйкырышып, чуулдаша бакылдаган өлүмтүкчүлөрдүн учуп келиши үчүн атайылагансып, күндүзгү олжосун ашыкча өлтүрөт. Жаабарс ушул таштандыга унчукпай, жек көрө четтен карап тураар эле, кээде алар бир нерсеге айыптуу болгонсуп, ырылдап-ыркырап кууп кирчү. Ушинтип ал өзүнүн бугун, жүрөк дартын, өткөнгө болгон кусалыгын чыгарчу...

Күндөр өтүп жатты, тоолор мурдагыдай эле өз ордунда, чокулары жалтылдап, түбөлүк кар менен муздун туткунунда турушат, кыш анан жай өттү, бийик тоонун жолборс сымал темгилдүү падышасы Жаабарс дагы эле жалгыздыкта, тыш келбети өзгөрбөстөн жүрдү. Бирок байкалбай дем алуусу оорлогонун сезген күн да келди... Ал кээде гана негизинен кескин жана оор кыймылдаганда пайда болчу, бирок жөн турган абалда көкүрөктүн дем алган сайын туюк ооруганы - мындай болчу эмес.

Суунун жанында кайберендерди күтүп жатып, Жаабарс бул ирет биринчи жолу аңчылык баштала электе деми кыстыкканын сезди.

Күндөгүдөй эле аракет кылуу керек болчу - аркар-кулжалардын суудан тоё ичишин күтүп, убакытты текке кетирбестен кол салуу керек эле. Бирок азырынча бул жөн гана ниет болучу. Бардыгы ойдогудай болушу зарыл, аркар-кулжалар кайдан-жайдан коркунучту сезишип, көз ачып-жумгуча артка бурулуп, желдей сыза көздөн кайым болгон учурлар да бар. Анда башынан из кууп, артынан кубалап олтуруу керек, андан ары болушунча болоор...

Бул мертебе Жаабарс тагдырына таарынбай эле койсо болот. Аркарлар - аска-зоолорго чыгып, эч ким жетпеген бийик тоолордогу чөптөр менен жер-жемиштерди жеген күлүк кайберендер - эч жакка бурулбастан, булактын ийри бурулушун көздөй келе жатышты, ал жерде аларды буктурмада Жаабарстын өзү күтүп жаткан. Алар аны байкашпады, жакындан сезбей жээкти бойлой, тизилип алып, жайбаракат суу иче башташты.

Жаабарс жашыруун жерде аларды аңдып былк этпестен жатты. Бардыгы өз нугу менен баратат - жаныбарлар жыргап суусунун кандырышып, эс алып жатышты, күтүү гана керек болду. Кадимки жагдайга коошпогон жалгыз нерсе - Жаабарстын энтиккени. Азырынча эч нерсеге жолтоо болбосо дагы, көкүрөктүн туюк кырылдаганы даана угулуп, дем алуунун оорлошу кооптондуруп турду.

Ошентсе да, илбирс эки ирет атырылып секирип, алдыңкы буту менен кыр аркага катуу чаап, четте турган чоң мүйүздүү аркарды, үйүрдүн башчысын жыга турган учур келгенде - энтиге деми кысылып, баштаган иши аягына чыкпай калды. Ал секирип өйдө көтөрүлгөндө үйүр заматта үркүй түшүп, баштарын кескин силкий көтөрүшкөнүн көрдү, бычактай курч тырмактары менен акыркы сокку бериши гана калган, мына ал олжосуна дээрлик жеткени калды, бирок анткедин ордуна ары жакка секирип кеткен аркардын жанына кулап түштү. Аба жетпей калды. Ачуусу ашып-ташкан Жаабарс ошол замат ордунан атып турду да, кайрадан аркарга атырылды, бирок тиги буйтап кетти, анын артынан бүт үйүр коркунучтуу жырткычтан оолак качып жөнөштү.

Али аркарлардын артынан кууп жетип, бет келген бирөөнү жыгууга болмок, Жаабарс да болгон күчү менен атырылды, бирок дагы жолу болбоду - жетпеди, жыкпады, жеңиштүү ыркырап шаңданбады, ал эми үйүр алыстагандан алыстап бара жатты...

Дем жетпей кыркырап араң турса да, чыдап дагы бир жолу чабуул койду, бирок кеч болуп калган эле... Минтип жолу болбой калуу Жаабарстын башына биринчи жолу түшүп отурат. Бирок эң ызалантканы жана басынтканы качып бараткан үйүрдүн башчысы, жырткыч кол салган тик мүйүздүү эркек-аркар чуркап бараткан калыбында артына жалт карап, коркута, эликтегенсип мүйүздөрүн чайкап, туяктары менен жерди жара тээп, андан ары жөнөгөнү болду. Бул мындан ары Жаабарс сөзсүз жетүүчү ийгиликтен үмүт үзүп, башкалардын олжосунун калдыктарын аңдып жеп калат деген белги эле.

Албетте, буга чейин да аңчылыкта майда каталыктар болгон, бирок мындай жеңилүү Жаабарстын башынан өтө элек болчу...

Ал эсине келе албай, жан-жагын айран таң кала каранып, демиккенин басуу үчүн башы оогон жакка жай басып кете берди...

Дүйнө ээнсирей түштү. Жаабарс акыркы жолу тоолордун, шаркыратмалардын жана токойлордун сыйкыр добушун, ошол дүйнөлүк музыканы уккусу, ошол кездегидей, жубайлык жарышындагыдай, үнүн созуп чакырып бакыргысы келди, бирок дүйнө жымжырт...

Жалгыз, аба жетпей демиккен, ындыны өчкөн, бийик тоолордун мурдагы падышасы Жаабарс, кайда баратканын өзү да аңдай албай, тоолор менен кетип баратты. Өмүрүнүн акырын күтүп, акырындык менен кайта келбестикке жол тартуунун соңку күндөрүн жалгыздыкта кечирүү үчүн баш калкалай турган бир жай, үңкүр табуу керек болду. Бирок анын акыркы күндөрүн адам бөлүшөөрү бу жырткыч айбандын үч уктаса түшүнө кирген эмес. Бул жан жөнүндө ал кулак кагыш гана билчү, тагыраак айтканда, тоодон атылган мылтыктардын үнү жаңырганда селт эте түшүп, турган жеринде ката калып, анан алыс кетип калаар эле, бирок адамды жакындан көрүү - андай эзели болгон эмес.

Демек, мындай жолугушуу анын маңдайына жазылган. Кайрадан эле - тагдыр...

II




Түшүндүрүү кыйын, бирок ушундай жагдайлар да болот - окуянын болгон жери да, убактысы да жана негизгиси, адамдардын жүрүм-туруму - тагдырды күтүүсүз бурулуштарды жасоого мажбурлайт. Бул ирет да ушул сыяктуу бир нерсе болуп өттү. Ал окуялардын мындай болоорун алдын ала божомолдогон эмес. Акыр аягы чындык жеңет деп ойлоп да, ишенип да жатты. Чындык өлбөйт эмеспи. Демек, жаша жана ар дайым чындыкты далилде - ошон үчүн барбыз, теңирдин буйругу ошондой. Бирок чындык деген эмне?..

Адаттагыдай эле жумадан ишембиге караган түнү иш күндөрүнө караганда түнкү жашоо бир кыйла эрте башталат. Кеч кире баштаганда эле Арсен Саманчин ордуна кайра келди. Ресторандагы үстөлдө заказ кылып коюп, чылым да чекпей олтурду. Чылым менен күрөшүп жатты. Аны таштап жатты. Бирок чылым чеккиси келип турду, зарыгып күткөндө ушундай болот эмеспи. Бир аздан соң терезенин сыртындагы күүгүмдө көчө чырактары жаркырап, проспекттен өтүп бараткан машинелердин көз уялткан жарыктары жылтылдады.

Ресторан азырынча жарым-жартылай ээн, бирок бир аздан кийин бут коёрго жер калбайт. Таң калаарлык эч нерсе жок, убакытты шаан-шөкөттүү өткөрүүгө алы жеткен эл, дал ушул жерге, эмен сейил багынын четиндеги эң көрүнүктүү, азыркылар айткандай, элиталык - ак сөөктөр үчүн, албетте эң кымбат ресторан, токсонунчу жылдардын сүймөнчүгү, евро стилинде жасалгаланган жана геосаясий текстте өтө уккулуктуу жана модалуу - "Евразия" деп аталган мурдагы Офицерлер үйүнө умтулчу.

Мына ушул "Евразияда" ал да өз кезегин күтүп олтурду. Четтен караган бирөө-жарым бул эмне эле бул жакка байма-бай жалгыздап келип калды деп таң калса керек? Ал бир акчасын уттуруп жиберип, күйүтүн арак менен басып жаткан ишкер болсо бир жөн. Бирок ал алардын бири эмес эле жана "Евразияда" бир бөтөлкө шарап менен досторун күткөнсүп олтура берүүсүнүн себеби өзүнө да анча түшүнүксүз болчу.

Убакытты бекер өткөрбөгөн түр көрсөтө, колунан түшпөгөн кара кейсинен кандайдыр бир кагаздарды алып чыгып, шараптан ууртап-татып, аларды үңүлө окуп жатты, чынында тобокелге салып жатканын сезип, ичинен бушайман болуп турду, бирок мындан башка аргасы жок эле. Жагдайларды эске алганда, анын үмүтү менен күтүүсү чегине жеткенин жана бул анын акыркы аракети экенин да алдын-ала сезип жатты.

Ооба, аракет жасоо керек, анын жанына барып, сөз баштоого үлгүрүү керек. Ал кантээр экен? Башкалар аны Биринчи айым деп атап калышты, бирок ал билет дечи жана тиги өзү деле билет... Башкысы - мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербөө. Чындыкты сактоо максатындагы дагы бир аракет. Дагы эле ал өзүнүн чындыгы менен, качанга чейин ушинте берет! Бирок иш жүзүндө эмне болор экен, жообу кандай болот, айтуу кыйын. Керек болсо алар үчүн суусуз чөлдө өлүүгө туура келсе да, алардын тууралыгынан күмөн санабаган жана да танбай турган, анын, Арсен Саманчиндин жан дүйнөсүндөгү ой-санаалары менен ишенимдерин, эми ал, Айдана канчалык түшүнөрүн алдын ала болжоп айтуу кыйын эле. Мына эми, баары кандай болуп калды. Турмуш чындыгы менен коошпогон куру кыялдар, эңсөөлөр! Ал болсо жанталашып аларды жактап жатып, алар менен бирге тузакка түштү, бирок ошондо да танбайт. Бардыгы заманбап кара жол менен зуулдап өтүп жатышкандай, ал болсо, апенди, жол боюнда туруп алып кол көтөрөт, бирок аны менен эч кимдин иши жок. Эми дагы бир жолу аракет кылып көрсүнчү. Ошондуктан ал эртерээк келип, сахнаны эч ким тосуп албай тургандай орун алууга шашылды. Ушундай жайгашып олтуруу зарыл эле...

Аңгыча сахнада оркестранттар пайда болушту да, жайбаракат жайланыша башташты. Мындайча айтканда, "түз эфир" дегени болгону жатты, анткени бул даражадагы ресторандарда, келгин жана жергиликтүү жылдыздардын коштоосундагы нагыз рок-музыканы баалашаары белгилүү.

Опералык театрдын оркестринде мурда ойногон музыканттардын кээ бирин ал таанычу, кээ бирөөлөрү менен жакындан тааныш. Чынында көптөн бери баарлаша элек. Андан бери көп убакыт өттү. Аларга анын баштагыдай эле кереги барбы? Кеп анда эмес. Мына азыр музыка кубулжуйт жана ар бир адам үчүн башкача, эңсеген дүйнөгө көзгө көрүнбөгөн көшөгө ачылат, ал жакка музыка аркылуу гана кирүү мүмкүн, анан бушайман кылган бардык нерсе артта калат да, жалгыз гана ырдаган жан калат.

Ал эми музыка анын туулгандан берки кумары, кол жеткис, ээ бербеген кубулуш эле. Анын музыкага болгон ышкысы жөн гана кызыгуу эмес, түшүндүрүлгүс, бир топ тереңирээк нерсе болучу. Ушунун айынан анын башынан бир окуя өткөн, кийин өзүн акылдан айныган музыка сүйүүчү деп атап, ичинен кыжырлана, күлкүсү келип эстеп жүрдү. Кайра куруунун алгачкы жылдарында кабарчылык иштери менен Лондонго барып калып, ал конференция өтүп жаткан Лондондун эң жасалгалуу мейманканаларынын бириндеги бардык керектүү каражаттар менен жабдылган дааратканасында, жымжырттыкта заара ушаткычтардын үстүнөн, шыптан агылып жаткан ажайып музыканы эшиткенде өтө таң калып, кыжыры кайнаган. Турмуш кыстап келгендер иштерин бүтүрүп, жамбаштарын аарчып, заара ушатып, түкүрүнүп-какырынып, аягында унитаздардагы сууну шарылдата агызып, кирип-чыгып жатышты, ошол учурда алардын урматына Шопен же дагы башка чыгаандардын бири ойноп жатты. О, кандай керемет музыка көрүнбөс бийиктиктен канализацияга түптүз куюлуп кирип жатты. Урбанистикалык цивилизациянын минтип бөтөнчө кызмат көрсөтүүсүн ал эч түшүнө албады. Музыка - бул Жаратканга жол тартуу, жан дүйнө майрамы эмеспи. Ал эми мында, карачы эмне кылгандарын! Эх, мейманканада "Арыздар жана сунуштар" китеби болгондо эмне деп, ал совет мезгилиндегидей капа болду - бул беш жылдыздуу администраторлорго көрсөтөт эле көргүлүктү! Жер төлөдөн холлго көтөрүлүп, ал ошентсе дагы оозун ачты да, ошол замат - кийин өзүн-өзү шылдыңдап күлүп жүргөндөй, "оозун кандай ачса, ошондой эле кайра жапты!" - өзүнүн Москвада окуп жүргөндө үйрөнгөнү боюнча чала-була англисчелеп, музыканы дааратканага чейин төмөнсүнткөндөрү туурасында оюн айтайын деди эле - бул даараткана жакпаса, башкасына барыңыз деген жооп алды...

Музыканы жанынан артык көргөн ал кээде албетте, тамашалап - балачагымдан тоодо айылдын аттарын кубалатпай, музыкалык окуу жайга беришкенде, мен сөзсүз композитор болмокмун, анткени өзүмчө музыка жазам, бирок өзүм үчүн гана, - деп айткандан да тартынчу эмес.

Андыктан, басма сөздө музыкалык күйөрман жана театр сынчысы болуу гана калды - бул иш ага жакчу. Бирок мында да кайырмакка илинген учурлары болгон...

Ичимдиктен болсо керек ("Евразияда" эң мыкты, француз шарабы, демек, бүгүн да күндөгүдөй эле ресторанга келүүсү арзанга турбайт), Саманчин кызып калды, өзүнө дагы бир аз шарап куйгусу келди, ошол учурда үстөлгө ресторандын кызматкерлеринин бирөө басып келди. Официант эмес - келбети бир кыйла абройлуу, евро кызмат көрсөтүүгө тиешелүү болгондой, жоон мойнунда боз көпөлөгү бар, чоң көз айнекчен. Көрсө, директордун өзү экен.

- Кечиресиз, сизби Арсен Саманчин? - ал Саманчиндин алдына "Евразиянын" белгиси бар визиттик карточкасын таштады.

- Ооба, - адатынча шыр жооп берди Арсен. - Мен Арсен Саманчинмин, сиз жаңылбадыңыз. А сиз, демек, "Евразиянын" башкы директорусуз? - Ордунан өйдө боло, кол алышууга колун сунуп, тамашалай кошумчалады: - Бүтүндөй Евразиялык континенттин башчысы экенсиз да?

- Ошондой! - деп мурчуйду тиги, кыргызча айтылган сөздүн анык экенин билдирген дал ошондой деген сөздү жооп кылып. Арсен Саманчин дароо ага "мырза Ошондой" деп ат коё салды! Ал эми Ошондой кол алышкан соң олтургучту ишенимдүү жылдырып олтурду, сыягы, орчундуу бир нерсе тууралуу сүйлөшүүнү кааласа керек, оор алкактуу көз айнектерин сүрткүлөй баштады.

Башкы директор Ошондойдун өзү алдына келип олтурганына бир эсе таң калса да, Арсен Саманчин шаңдуу үн менен:

- Урматтуу башкы директор, уруксаат этиңиз, сизге жолтоо болбошу үчүн кейсти алып коёюн. Сиздердин "Евразияда", бу жерде керемет, олтурам да суктанып жатам, мен кээде бул жерге келип калам, сейрек бирок...

- Билем, билем, - деди тиги, бирок сөздү бура албады.

- Мына суктанып олтурам, - жандана эки жагын карап, кайталады Арсен Саманчин. - Карагылачы, канчалаган меймандар, кандай сулуу айымдар! - Тили бир аз булдуруктай түштү, азыраак ичкени байкалды. - Ал эми айымдарсыз, өзүңүз түшүнөсүз, ресторан гестоган эмес, - французча тилин жасап, чулдурай сүйлөдү Саманчин, бирок маектеши тамашаны түшүнгөн жок. - Ооба, ресторан-ресторан эмес, театр-театр эмес, базар-базар эмес. Тигине дагы келип жатышат. Дагы сулуулар! Жогорураак олтурууну каалагандар үчүн али балкондо бош орундар бар. Мына оркестр да камына баштады! Чын элеби! Күтүп жатам, күтүп жатам музыканы! Ошон үчүн келгем. Ал эми шыптагы илме чырактар кандай! Италиядан деп жатышабы?

- Ооба, ошондой, италиядан, - Ошондой башын ийкеди жана эскертүү иретинде, коё туруңуз, менин да айта турган сөзүм бар деген тейде колун чечкиндүү көтөрдү. - Мен сизге жөн келген жокмун, айтайын дегеним... - деди сөзүнүн ортосунан мукактанып.

- Эң сонун! - Арсен Саманчин аны дагы да болсо коомдук жайларда алтурсун буга окшогон башкы менеджерлер да таанышарына маашырлана андан ары бакылдады. - Келиңиз, ичели, - ал маектешинин олбурлуу жүзүнө жылмайыңкы тигиле, чын дилден сунуш кылды. - Шарап, сиздердики мыкты экенин айтып коюш керек! Келиңиз мен сизге куюп, дагы алып кел дейин.

- Жок, жок! - Ошондой анын бөтөлкө кармаган колун токтотту. - Мен бул үчүн эмес. Жумуш боюнча. Ооба, сизди көбү билишет, сиз белгилүү адамсыз, бирок бул жөнүндө башка күнү. Бүгүн бизде өтө олуттуу иш-чара, чет элдик демөөрчүлөргө кечки тамак уюштурабыз, Аксуу алтыны боюнча канадалык эл аралык иш жана алтын боюнча жергиликтүү өнөктөштөр дагы - алар чакыруучулар. Чоңдор, албетте сакчылары, аялдары менен. Концерт... Кеп анда деле эмес. Болгонун болгондой эле айтайын, азыр эле телефон чалышты, Арсен Саманчин бүгүн залда болбосун деген көрсөтмө берилди. "Ушундай болушу талап кылынат!" - деп эле ачык айтышты.

- Токто! Токто! Ким мен жөнүндө тынчсызданып жатат? - Арсен Саманчиндин Арсен Саманчиндин жини келе түштү. - Кимге талап кылынат жана кандай акысы...

- Мен мага буйрук кылынганды айтып жатам! - Майда-чүйдөсүн түшүндүрбөстөн жүзү албырган Ошондой сөздү бөлдү. - Ал эми ким эмнеге тынчсызданып атканы менин ишим эмес. Жогору жактан айтылды! - ал жалтыраган илме чырактуу шыпка карай башын силкти. - А мен аткарып жатам. Демек, ресторандан чыгып кетүү керек жана ашыкча сөзсүз. Канчалык ылдам болсо, ошончо жакшы. Кана, азыр эле ордуңуздан туруңуз да - ошону менен бүттү. Ошондой болушу керек.

- Кандайча ошондой болушу керек? Муну кантип түшүнсө болот? - деди да, Саманчин кубара түшкөн эриндерин кымтып, мукактанды. Албетте, ал бир кыйла ызы-чуу салып, мобу ормойгон Ошондойдун көздөрү чекесине чыккыдай кылып, үстөлдү көңтөрүп, айгай салып, тумшукка бир уруп, намысы менен кадыр-баркы тебеленгени үчүн нааразылык билдирсе болмок, бирок азыр ага чамасы келбеди. Чагылгандай башына келген ойдон эсин жогото, ал ичиндеги уйгу-туйгу сезимдерин басты, бирок бул анын өзүн-өзү ашкере тыйганынан эмес, эсин оодарып жерге жыга чапкандай, кыйылган дарак алдына күп этип кулагандай жана бутунун астындагы жер чайкалып, титирегендей сезимден улам, анткени ал аң-сезиминде музыкалык ой жүгүртүү сыяктуу кубулжуган романтикалык агым жашаарын туйчу жана кээде бул тууралуу кыялданганды жакшы көрчү - ушунун баарысы бир заматта тиги дарак сыңары кыйрады да, таптакыр керектен чыгып, өз алдынча өмүр сүрүүнүн да кажети жок болуп калды. "Чын эле албы? Чын эле ал ушундайга бардыбы?" деген бир гана ой анын жан дүйнөсүн ушундай алааматка салды. Өзүнүн ойлоруна ишене бербей, сахнага көз чаптырды - ал сахнага али чыга элек эле, бирок оркестр аны күтүп, жеңил-желпи күүлөрдөн чолуп-чолуп ойноп жатты. Ал чөнтөгүнөн колтелефонун алып чыкты да, анын номурун тере баштады. Манжалары калтырайт. Үнүм да титиребесе экен деп коркот. Ошондойго сыр алдыргысы келбеди, бирок арга жок. Анын телефону өчүрүлгөн экен, бир нече чакырыктан соң кайдыгер үн менен өзү: "Мен Айдана Самаровамын. Телефон убактылуу өчүрүлгөн же байланышууга мүмкүн эмес" - деп билдирди жана кайрадан жоопсуз чакырыктар угулду.

- Жооп бербей жатабы? - мыскылдай, кашын серпип сурады Ошондой.

Саманчин унчукпады. Ошондой эмнени айтып жатат? Ким жооп бербей атат? Божомолдоп жатабы? Билип турабы? Же даана билеби? Териштирип олтурбады. Кемсингиси келбеди. Анын үстүнө маселе башкада: андан ары эмне кылышты чечүү керек. Ушул жерден чекит коюп, ордунан туруп басып кетсеби же түшүндүрүүнү талап кылсабы: кимден көрсөтмө түштү жана эмне үчүн ал, ресторандын баш директору мынчалык жанын үрөп атат, тим эле эшик тоскон сакчыдан да өтүп кетти го?

- Эмне болду анан? - деди Ошондой күтүп жаткан үн менен. - Турабызбы? Эшикке чейин узатып коё алам...

- Жо-жок, дал ушунун кереги жок, - деди Арсен Саманчин баш тарта. - Жолду өзүм эле билем, - деп кыжырлана кейсин жапты.

- Анда эмесе! Акылдуулук кылдыңыз. Баса, тамак үчүн төлөбөй эле коюңуз. Биз өзүбүз бүтүрөбүз, - деп кошумчалады ормойгон Ошондой.

Ошол жерден бүт бугун чыгаралбай ушуну эле күтүп тургансып, Арсен Саманчин тарс жарылды.

- Эмне дедиң? - "Сизден" дароо "сенге" өтө Ошондойду беттен алды. - Сен мени ким деп турасың? Мен эмне сага көчөдөн кайыр сурап келдимби? Бар, билесиңби кайда? Сенин рестораныңды да, сени да урганым жок. Чакыр официантты бул жерден кетээрден мурда бир тыйынына чейин төлөйм. Анан жогол! Бүттү!

- Мейли өзүң бил! Официант азыр келет. Калганы, демек, айтылгандай болсун! - деп эскертти да, Ошондой ордунан жай туруп, албырган жоон бука мойнун эч жакка бурбастан басып кетти.

Ошол жерден Арсен Саманчин одоно ката кетирди, акмактык кылды - чырды ырбатып, майдаланды.

- Эй, сен! - Ошондойго кыйкырды ал, тиги артка кылчайганда ачуулана бетке айта салды. - Сен ойлобо мени кубалап жолго салдым деп, ушуну менен бүттү деп! Мен муну жөн калтырбайм. Менин да байланыштарым бар. Мен журналистмин, көз карандысыз журналистмин! Эсиңде болсун!

- Эмнесин эстемек элем? Тимеле көр муну. Сенин ким экениңди урдум! Сенден жадагалса аялдар жаа бою кача баштаптыр.

- Сенин кандай ишиң бар?

- Ошондой, өзүңдүн таштанды экениңди билип жүр. Журналисттер азыр коркулдаган чочколордой, тойгузуп койсоң болду гезиттеби, сыналгыдабы айырмасы жок коркулдай беришет. Журналист имиш! Азыр беш мүнөттөн кийин бул жерден жоголбосоң, акмак, өзүңдөн көр... Күч колдонобуз. Бүттү! Жап оозуңду!

Ошол бойдон Ошондой жини келгенинен түктүйө түшкөн жүзүнөн көз айнегин жулуп алып, көз карандысыз журналисттин кыйкырыгына көңүл бурбастан ары басып кетти.

Бул окуянын уландысы кандай болоорун Арсен Саманчин билсе кана!

Официант келди:

- Кечиресиз, мына сиздин эсеп!

Бирок ачуусу тарай элек Арсен Саманчин кагазы бар тарелканы ары түрттү да:

- Адегенде мага арак алып келчи! - деди.

- Арак?

- Ооба, арак! Кыргызча түшүнбөсөң - водка!

- Азыр алып келем. Канча?

- Канча көтөрө алсаң ошончо! Тез!

- Азыр!

Официант буфетти көздөй шаша жөнөдү. Ачуусун баса албаган Арсен Саманчин айланасына көз жүгүрттү. Аны менен эч кимдин иши жок эле. Ресторан өзүнүн кечки жашоосу менен жашап жатат, эл жык-жыйма, балкондо да жайнашат. Тынбай сүйлөшкөндөр, күлкү, чөйчөктөрдүн шыңгыры, көпчүлүктүн күүлдөгөнү. Дубалда ары-бери ойногон жарыктарды коштогон залдын маанайы менен үндөш музыка да жан дүйнөнү козгоп турду. Ал гана жалгыз, бул көпчүлүктөн бөлүнүп калды. Башы маң болду, бүгүнкү үмүттөнгөнү ишке ашпай калаарын түшүнүүдөн, кечиккендигинен жүрөгү кысыла баштады. Бул асылуу кайдан экенин даана билсе го - Айдананын өзүнөнбү же анын жаңы колдоочуларынанбы? Эгер анын өзүнөн болсо, анда кантип Арсенди сатууга дити барды, душмандарга чыккынчылык кылып, алардын жеке ишине кийлигишүүгө кантип жол берди, ушундан кийин ал ким эми? Кандай жүзү кара! Эмне үчүн? Аны мынчалык жектеп кубалоого эмне себеп болду?

Ооба, бир окуя болгон. Кийинки убактарда өтө эле узакка созулуучу тыныгуулардын бири алардын мамилелеринде пайда болгондо, аны менен жолугушуудан айым баш тарта баштаганда, жакында болгон. Ошондо ал дагы ушул жерге келген жана сахнанын түбүндө, кейсин колунан түшүрбөй кечке чейин ага тигиле карап тура берген. Анын ага: "Эй, жалтырак кагазга оролгон каныша, эсиңе кел, сен чын эле Кайып колуктуну, ал сенин кейпиңде сахнада жарала электе эле көөмп таштадыңбы? Аны сыгандардын бийине сатып жибердиңби? Же көөп кеттиңби?" - деп кыйкыргысы келген.

Уу какшык аралаш дагы бир сөз тилинин учунда турду, бирок ал бир да сөз айтпады... Жөн гана карап тура берди, ал эми кейстин ичинде өз убактысын күтүп, анын улуулугуна ишенген чыгарма - кол жазма, дудуктуктун туткуну болуп жатты. Бирок ал убакыт качан келет? Анын кимге кереги бар эле? Ага, Айданага гана... Ал эми музыка болсо, ошол маалда адаттагыдай эле сахнада күңгүрөп, добулбастын дыбыры күч алды, ырчы айым дагы безелене ырдап, жалпы көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан дене кыймылдарын аткарып жатты, залдагылар жалпы аны коё беришпей, көздөрү менен жутуп жиберчүдөй болушуп, дүркүрөтө кол чаап жана эстен тана кыйкырып жатышты, ал, Арсен болсо сахнанын жанында туруп алып, анын бул оор музыкага күң болуп, баш ийип, денеси жана үнү менен коштоп жатканын карап, азап чегип жатты. Алардын көз караштары бир нече жолу ошол акылсыздыктын бороонундагы чагылган сымал чагылыша кетти. Ал го кеп эмнеде экенин түшүнөт дечи.

Мына эми жаңы түрмөк. Ошол эле окуя кайра башынан болгону турат, бирок бул ирет аны ошол эле кейси менен, ошол эле улуу чыгарма менен залдан кубалап чыгышууда... Арийне, ал баш ийүүгө аргасыз эле.

Официант табагындагы бир бөтөлкө арагы менен кайтып келди.

- Мынакей. Сизге куюп берейинби? Чөйчөккөбү же стакангабы?

- Стаканга.

- Канча?

- Толо.

Анан дал өрттөнүп жаткан түпсүз чуңкурга куйгансып, ал стакан толо аракты көңтөрүп ичип жиберди. Аба жетпей, шалдайып олтуруп калды. Өзүнө өрт коюп жибергиси келди.

- Канча төлөйм? - деп эсепке көз жүгүртө олуттуу сурады, анан официантты таң калтырып, ошондой эле олуттуу түрү менен (бир тыйынга чейин) төлөдү да, унчукпастан эшикти көздөй жөнөдү, сөөктүү ийиндерин какайтып, тарамыштуу мойнун созо бир стакан арактан кийин түз басып кетүүгө аракеттенди.

Кийим илгичтен чий калпагын алып, баягы эле олуттуу түрү менен аны башына кийди. Ал жайдыр-кышдыр чий калпак кийип жүргөндү жакшы көрөт. Айдана аны жөн жерден "калпакчы" деп атабаган. Тышка чыгып баратып, сахнадан угулган анын, Айдана Самарованын үнүн укту. Ресторан жалпы кол чаап жиберди - көптөн күткөн нерсе болду - укмуш айым келди! Алгачкы шаттанган кыйкырыктар угулду: "Ай-да-на! Ай-да-на!" Бирок Арсен Саманчин артына кылчайбады, бир аз гана кадамын жайлатып, мастыгын күч менен башкара: мына сага суктана бер, көрсөтмө курал-жарнак менен моданын туу чокусу, - деп ойлоого жетишти. Мындай таасирдүү натыйжага жетүү үчүн бүтүндөй инфраструктура эмгектенет, аман калуу үчүн жарыш жүрөт. Атак-даңк, таанымал болуу, акыр аягы, акча самандай сапырылып турушу үчүн керек. Алтургай ал мыскылдап күбүрөндү: "Акчасыз жашоо жаман, эч нерсеге жарабайт, ой-ля-ля!" Ачуулана жерди бир тээп, тамагы айрылганча каткырып, бийлеп жибергиси келди... Бирок өзүн кармап калды. Дароо ыйлагысы келип кетти. Кудайга үнү жеткидей, асман аңтарылып кеткидей кылып өкүргүсү келди. Жыйынтык чыгайын деп калды, коркунучтуу бир нерсе жасап жибере электе бир жакка барып жашырынуу керек. Убакытты өткөрбөй кетүү керек, кеч боло электе таптакыр көздөн кайым болуу зарыл.

"Сүйүү жана өлтүрүү! Ушундай кантип болсун? Сен жөн эле мастыгыңдан! Жок, мастыгыңдан эмес, - ал башына келген ойдун өзүнөн денеси муздай түшүп, өзүнө-өзү жооп берди... - Сүйүү жана өлтүрүү..."

Ал кетип баратты, мээсин: көрүмдө да унутпайм, кечирбейм!.. деген бир гана ой ээлеп алган.

III



Бул дүйнөдө кимдин маңдайына эмне жазылган. Так ошондой - кимге эмне. Ооба, бул дайыма ошондой. Эч ким баш тарта албайт... Тагдырды күтүп, күндөр келе берет, кете берет. Ал эми күтүү акыркы күнгө, акыркы саатка чейин уланат... Жана дайыма ушундай болмокчу.

Бирок мына кайрадан кайдан-жайдан шамал сокту - бул тагдыр, өз кароолунда туруп, сезе коюп, ушул саатта ааламдагы, адамдардын жүрүм-турумундагы, жан дүйнөсүндөгү, ойлорундагы көрө тургандын баарын көрүп калууга ашыкты. Кайрадан тагдыр өзүнүн тайбас жолуна түшөт, адаттагыдай эле алыска жетүүчү ойлорду болжоп, аргасыздан асманга кайрылып: эмне болот? эмне үчүн? кантүү керек? деген суроолорду бере, чаалыкпас тагдырдын буйругун башынан өткөрүү менен күн кечиргендердин келечегин жана бул дүйнөдөгү жолун күтүүсүз аныктайт, ошондой эле күтүүсүз окуялардын агымын астыртан камдайт.

Бирок асман шыбырды да, кыйкырыктарды да укпайт...

Жадагалса тоодогу жапайы жырткыч да - үнү каргылдана ыркырап, асманга кайрылып улуп жиберди, айдын айласын кетирди, ай андан бирде булуттарга, бирде кардуу чокуларга жашынды, анткени ал да тагдырдын жазмышынан четте калган эмес, ага да, тоо илбирсине ал алда нени камдап койгон...

Эркек илбирстердин жекеме-жеке алышуусунда утулган, тукум улоо укугунан ажыраган, жээринди Жаабарс ошол мезгилде тубаса сезим менен дагы да болсо мурунку күчүнө келүүнү эңсегени, дагы да болсо каршылык көрсөткөнү, дагы да болсо биротоло багынбаганы, эч нерсеге карабай кызуу кандуулук кылганы менен ого бетер оорлошкон өлбөстүн күнүн көрүп жатты. Мурдагыдай эле кайсы бир ургаачыга жакындагысы келип жүрдү, бирок алардын баары эчак ээленген, анын каалоосун канааттандыраар жан чыкпады. Кээде ал атаандашына кол салып, аны муунтуп же өз күчүн көрсөткүсү келчү, бирок адатта кармаштан эч ким утчу эмес. Бардык жалган үмүттөр, таттуу кыялдар ишке ашкан жок, чынында анын топто бары-жогу билинбей, ага эч ким көңүл бурбай калган, ошентип четтеп жүрүүгө, чоң олжого жыйылган илбирстердин тобунан өзүн оолак кармоого мажбур болду. Өзүн кармоо оңойго турбады, эбегейсиз зор чыдамкайлыкты талап кылды, башкалар жеп жаткан эттин калдыктарын күтүп, тарамыштары карышып калгыча карманып, жымжырттыкты сактоо керек болчу. Анын азыркы убайымдуу насиби ушул болуп калган, сыртынан баштагыдай эле айбаттуу болгонуна карабай - чоң башы, чарчаңкы, астыртан жалжылдаган көздөрү, күдүрөкөй булчуңдуу ыйык жалы жана көп учурда эптүү, жеңил кайрылган туу куйругу Жаабарс али да болсо керектүү учурда өзүн-өзү кармай билерин кабарлап турду.

Илбирстер тобунун аны менен эч кандай иши болбой калган. Жырткычтардын мезгилдик түгөйлөрү гана төлү менен аны жаалдана карап коюшчу анан дагы ал бир нерсеге айыптуудан бетер оолактап турушчу, анын мурдагы ургаачысы болсо аны теңине деле алчу эмес - көз көрүнө уялбастан куйругун чычайтып, Жаабарс таптакыр эле көлөкө болуп калгансып, өзүнө окшош уятсыз жаңы шериги менен жандашып өтүп кетчү. Жакында эле Теңир-Тоолук ак кар, көк муз тоолору менен капчыгайларын жердеген тукумдаштарынын арасында жол баштоочу болуп жүргөн Жаабарс эми ушундай басынтууларга чыдоого мажбур болду. Топтук жашоодон четтетилгенден кийин ал кашкулак, суур же кээде коён өңдүү майда жандыктарга аңчылык кылуу менен эптеп күн көрүп жүрдү. Башта күн сайын өлтүргөн ача туяктуулардын этине тойгондой болуп карды тоё эт жебесе да, Жаабарс ачкачылыктан азап чеккен жок. Баштагыдай олжолуу да болбой калды.

Ошого карабай анын каршылык көрсөтүүгө болгон эрки кайтпады, чынында кол тийгис болуп калган, тизелеп жашоого аргасыз жээринди таалайына баш ийбеди. Бардыгына каршы ачуу чындыкты кабыл алгысы келбей жан дүйнөсүнө бүлүк түштү, анын жырткычтык жаратылышынын түпкүрүндө нааразылык күчөдү, ал үчүн кара жолтой болуп калган бул аймакты, тоолорду жана капчыгайларды калтырып, кайра кайткыс, өтмөктүн артындагы, болгондо да асман тиреген ак карлуу кырканын артында жайгашкан башка дүйнөгө бөлүнүү, түбөлүккө, мүмкүн болушунча тезирээк кетүү жөнүндө ой мээсинде бышып жетилди. Эч бир жан жашабаган, өтө сейрек жетүүчү ал жакка - жай мезгилинде жана саналуу күндөрдө гана жетүү мүмкүн - жадагалса бийик учуучу куштар да жете албаган Үзөңгүлөш тоо кыркаларынын ортосундагы эң бийик чокулуу бөксө тоого баруу турат алдыда. Жаабарстын жанын жай алдырбай ичинен түрткү берген күч, ашып-ташкан кусалык азгырган жак ушул турбайбы. Тээ бир кездерде ал жакка жайды өткөрүү үчүн барган, бирок анын азыркы муңу, зары - башта колдон келчү нерсенин эми кол жеткистиги...

Ашууга жол тик жана аскалуу, бийик жана эч эрибеген кар аркылуу кетип, аягы койчунун бир короо кою сыяктанып, шамалдар тоодон тоого айдаган өрөөндөргө түшүп, ашууну бойлой сойлоп, житип кетчү булуттарга жете көрүнбөй калат. Ушунун баары жакын эле жерде...

Ушунун баарын Жаабарс улам токтой калып, буттарын алмаштыра, бир жерде буйдалып, күрткүлөрдү кечип, дагы канча жүрүү керек, көз менен болжоп карап жатты. Анан кар дөбөлөрдү жалпайта кечип, тамагына чейин карга көмүлүп кетип баратты, төрт бутунун бардык тырмактары менен чапчый, тарбалаңдай таштуу аскалардын муз кыртышына бүт денеси менен жабыша калып сойлоп баратты. Бирок азыр дагы дем ала албай энтигип, олжосун зыркырата кууп бараткандагыдай жүрөгүнүн дүкүлдөгөнү кулагына жаңырды, анан калса эң коркунучтуусу - буттан чалып артка силккен, деми кыстыгып, күшүлдөгөнү болду, айланадагы дүйнө бүлбүлдөгөн элес сымал урап баратты. Андан ары бийиктеп жылганга күч жетпеди - кыркырап, мууна ырылдады, бирок бир да кадам алдыга жыла алган жок... Баштагыдай күчүнө толуп турганда алеки саатта Үзөңгүлөш ашуусун ашып, акыры тигил, башка дүйнөгө жетмек. Асман тиреген бейиш төрүнө... Эгер аша алса эле бул мертебе ал артка кайтпай, ал жакта түбөлүккө, акыркы күнү бүткөнчө, акыркы көз ирмемине чейин кала бермек...

Ошентип багынбас тоо кыркалары менен короолонгон бийик тоолуу бөксө тоонун босогосунда өжөр Жаабарс жанын үрөп, аргасы түгөнө башын чулгуй, шагыл таштарды тырмактары менен тытмалап шилеп жатты, табияттан үн чыгарып ыйлоо дарамети берилген болсо эмине, айланадагы тоолорду титирете өкүрүп ыйлабайт беле.

Жаабарс ашууну багынтууга бир нече жолу аракеттенди, бирок анте албады... Бир жолу деми кыстыгып кыйналып жатканда анын түбүнөн эле онго жакын мүйүздүү аркарлар - жырткыч илбирс жакын жерде жоктой - текирең-таскак салып өтүп кетишти. Алар аны көрүштү, ал болсо жаратылышынан тоо илбирстеринин негизги олжосу болуу үчүн жаралган жаныбарларды байкамаксан болуп койду... О, тоолор, жер жүзүндө ушундай да болобу? Бирок тоолор мелтирешет. Оо, асман ушундай да болобу бул дүйнөдө? Асман да бийикте унчукпады. Жаабарс кусалуу башын шылкыйтты...

Бир кезде баары ойдогудай болчу эмес беле, кимди гана болбосун түпсүз чуңкурга оп тартып, таштарга уруп, таш талканын чыгара турган тике шаркыратмадан бир күүлөнүп аттап кеткен күндөрү да болгон. Бирок ал кезде Жаабарс ушунчалык күчтүү жана шамдагай эле, ал үчүн эч бир тоскоолдук жок - түпсүз чуңкур да, айлампа да, бороон да аны бир тууганындай кучактап, "Жаабарс, мага жакын кел, Жаабарс, кел бери!" деп тоодон бир кайып аял чакыраар эле. Илбирс анын чакырыгына умтулуп бой таштачу, аял болсо көздөн кайым болуп кетип, кайра башка жактан үнү угула турган: "Мага жакын кел, Жаабарс, кел мага!" Анан ал кайрадан жаанын огу менен тең сызып жөнөчү... Бул дүйнө ага таандык болуп турган ошол маалда ал үчүн үлгүрүү, кубалап жетүү, ашып өтүү жана дайыма жеңишке ээ болуу кеп эмес эле. Айланадагы дүйнө анын дүйнөсү болчу.

Мына эми ал багынбас ашуунун алдында чайналып, тырмышып, кыйналып жана кемсинип жатып, өткөн күндөрүн кусалана, азап тарта эстеп турду.

Чак түш болчу. Күн сайын чак түш болот, бирок ал эстен кеткис чак түш эле...

Жай да эстен кеткис болучу...

Бул өңдүү бийиктикте булутсуз, ачык күндөрү күн күйгүзбөйт, ысытпайт, төмөн жактагыдай болуп жуушап жатууга, көлөкөгө кубалабайт, сыйкырдуу, чексиз жарык берип, тоо дүйнөсүн өз нуруна бөлөйт жана жандуу энергияга айланат - жөнөкөй чөптөн тартып бул жерди жайлоо үчүн учуп келишип, кыркаларды айланып учкан канаттуулардын топторуна чейин, жер бетиндеги бардык жашап жана дем алган жандыктарга сиңет. Ооба, бардык жандыктар бул саатта күндүн нуруна бөлөнүп, жашоонун жыргалына балкышат...

Ошол күнү ал ургаачысы менен күндүн жана тоолордун улуулугуна шыктана, экөө бирдей шамал менен жарыша зымырап, бири-бирине дилгирлене, Үзөңгүлөш бөксө тоосун бет алып, сызып баратышканда күн дал ушундай болуп тийип турган.

Бул жерге алар кечээ келишкен. Бороонго көмүлүп, түн жамына жолдо калбоо үчүн бир азга да жайлабастан, ашууну ашып, бир күнү кечке жүрүп олтурушту. Ошентип Жаабарс жана анын ургаачысы күн бата электе көксөгөн жерине жарыкта жетүүгө үлгүрүштү. Ал ошого татыктуу жер эле! Ал күнү табигый сезимдин чакырыгы менен келгендерге табият бардык жактан ийгилик ыроолоду. Жолдон күйүккөн жырткычтар демдерин басышып, түнөк издей башташканда алыс эмес жерде оттоп жүрүшкөн, жаңы эле көк майсаңга оттоо, суу ичүү үчүн ашууну ашып өтүшкөн он чакты тоо эликтерин көрүштү. Ача туяктуулар үчүн кыйынчылык менен басып өткөн жолдун аягы кырсык менен аяктады, ал эми жырткычтар үчүн олжолуу болду. Илбирстер дароо кол салууга өтүштү. Олжону кууп жетүү оор болгон жок, ашуудан кийин эликтер абдан чарчап калышкан. Алардын бирөөнү илбирстер чуркап бара жаткан жеринен жыгышты, калгандары качып кетти. Түнөөр алдында даамдуу жаш этке жайбаракат курсактарын кампайтып алышканы ырас болду. Асманда жылдыздар да муну билген кыязда - тоолордун үстүндө алардын төбөсүнөн бейпил жана мээримдүү жалтылдап, жарык чачып турушту.

Эртең менен ачык асманда күн жаркырап тийди, мелтиреген улуу тоо кыркалары менен чокулары улам барган сайын өңүнө чыга даана көрүнүп, жандана түштү.

Жаабарс түгөйү экөө ойгонушту да, бир чети адатынча олжо көрүнүп калабы дегенсип эки жагын карана, бир чети бийик тоонун абасынан ырахаттана дем алышып, эч кимдин буту баса элек жашыл тулаң менен бадалдарды аралай сейилдеп жүрүштү. Ал эми түшкө жакын, күн төбөдөн тийген маалда илбирстер алгач желип-жортуп, секиришип, андан соң көпкө чуркашты. Күндүн кубаты аларга айтып бүткүс сулуулук жана күч берип, тоо кабыландарын шыктандырып, алдыга карай сүрөгөндөй туюлду, анткени алар дал ушул учурда өздөрүнүн бир бүтүн экенин түшүнүштү. Бул алардын төп келишүү салтанаты болгон.

Алар ийиндеше, эч тоскоолдуксуз чуркап баратышты, ошол учурда алар үчүн бул дүйнөдө күн менен тоолордон башка эч ким, эч нерсе жок эле. Алдынан чыкса дагы аларга эч кандай олжонун кереги жок болчу. Жүгүрүп бара жаткан калыбында күндөн кубат алышып, жарыгы менен жылуулугуна балкый, жашоо ырахатынын туу чокусуна чыга, күчкө толуп баратышты. Ушундай болгон...

Жер шары Аалам селкинчегинде термелип, түбөлүктүүлүк жер бетиндеги бардык жандуунун баарын көзгө көрүнбөс кучагына алды. Жарык нурга бөлөнгөн тоо кыркалары менен өрөөндөрдүн арасында Жаабарс ургаачы түгөйү экөө сызып баратышты, күн болсо аларды тээ бийиктен алдейлеп, өзүнө чакыра, асмандагы канаттууларга арбап жатты, анткени ошол убакта алар жырткыч айбандар тукумунун жупташа чуркап бараткан периштелери кейиптенди... Кээде жырткычтар да периште боло алат. Ушундай болгон...

Аңгыча жайдын бейпил күндөрү аяктады, асман алдындагы жайлоонун убагы аягына чыгып, ал аймактагы дүйнөнүн кескин карама-каршы жагы - күтүүсүздөн тике чокулардан тоо боорлорун бойлой заматта күч алган ызгаары жана муунткан куюндары менен бороон башталды, асман ачылбай боз түштү. Ошондо илбирстер артка карай жол тартышты - качып кетүүгө араң үлгүрүштү. Башка жаныбарлар ошол бойдон кар мөңгүлөрдүн астында кала беришти, канаттуулар асмандан көздөрү көр боло, таштай катып ылдый кулашты. Ушундай болгон...

Мына ошол жакка, көк мелжиген тоого, ал жактагы сыйкырлуу күндүн алдына баруу - бул мертебе өзү жалгыз - жана өзүнүн акыркы күнүн көрүп, түбөлүккө көздөн кайым болуу үчүн Жаабарстын жасаган аракетинен майнап чыкпай жатты. Ошол жактан гана, башкача эмес ушинтип гана, бул жээринди жырткыч өз өмүр жолун аяктагысы келди.

Бирок жол жок. Ал аша албас ашуудагы жол бекем жабык. Жаабарс ыркырап, улуп, тик аскага энтиге тырмышып чыгып, ылдый кулап жана кайрадан титиреген буттарына туруп жатты...

Эмне үчүн тагдыр бул тоо илбирсине ушул арзыбаган нерсени ыраа көрбөдү? Анын көксөгөнү, бар болгону - ашуудан ашып, анын ары жагында жок болуу, түбөлүккө калуу эмес беле... Тагдырдын мындай кыянаттыгына өзгөчө бир себеп бар беле? Ал ага так ушул жерден, Үзөңгүлөш тоо кыркаларынын этегинде керек болдубу? Тагдырдын оюнда эмнелер бар эле?

IV



"Жан дегениң эмине? Ага бары-жоктун баарын түртө салууга болот. Эрк жана аң-сезим - мына ушулар адамдагы эң негизги нерселер!" - деп оюн жигердене ортого салган окурмандардын бири менен Арсен: "Андай экени го талашсыз, бирок кээде жан дүйнөдө болуп жаткан нерсенин маанилүүлүгүн, мейли биз анын маанисин терең түшүнө бербесек да, жокко чыгарууга болбойт. Жан дүйнөнүн каалоосу көп учурда, алтургай тарыхый кырдаалдарда да чечүүчү мааниге ээ. Жан дүйнө бул жакшылык менен жамандык башат алуучу булак. Жан дүйнө аң-сезимдин уюткусу!.." деп талашып-тартыша кеткен макаласын даярдап жаткан. Ал кээде себеп болуп калганда, тиги-бу туурасында ой жүгүрткөндү жакшы көрчү.

Бирок азыр анын ой жүгүртүүгө да чамасы келбей турат. Компьютерге ал кечте Арсен Саманчин жологон да жок жана ошол терең ой катылган кызыктуу макаласын эч качан аягына чыгара албай калары оюна да келбеди. Ар күнү кечкисин укчу музыкасын да койбоду. Аны да мындан ары эч качан бош убактысында укпай калары дагы эле оюна келген жок.

Каргыш тийген "Евразия" шоу-ресторанында болгон окуядан кийин, анын жан дүйнөсү токойго өрт койгондой жалбырттады. Жанын коёрго жер таппай, заманасы куурулуп - өзүн-өзү кантип колго алаарын билбей, ачуу менен санаанын баштан ылдый жаба берген иримине чөгүп баратып, кайрадан суурулуп чыга калып жатты. Бир нече жолу ал өзүнүн бойдок турмушун кечирген үйүнүн жалгыз терезесине жакындады да, эмнеге, эмне үчүн экенин өзү да түшүнбөстөн ал жерде тура берди. Кызык, эми ал өзү жөнүндө, өзүнө-өзү чоочун болуп калгансып, үчүнчү жакта ойлонуп калды.

Улутунду, башын ары-бери чайкады, ресторандан келген боюнча чече элек галстугун кармалап туруп, улам караңгы мейкиндикти үңүлө тиктей берди - бет маңдайдагы ушуга окшош көп кабаттуу, көп квартиралуу, боз жана чоң панелдүү имараттагы бардык терезелердин жарыгы өчкөн. Күйүп турса деле - эмне пайда? Үчүнчү корпустагы жетинчи кабатта жашаган жана азыр терезенин түбүндө аргасыз ойлор менен алпурушуп турган бул киши менен коммуналдык кошуналардын кимисинин кандай иши болмок эле?

Курулай эле кайгырып, күңкүлдөй берүүдөн эмне пайда? Ал кимди айыптап, кимди коркутат? Баары бүтпөдүбү. Аны такси бул кунарсыз жети кабат үйлөрдүн короосуна алып келгенде, жарыктарын көздү уялта бетке уруп, артынан калбай келе жаткан бир чет элдик машине аларды кууп жете келди. Арсен Саманчин көздөрү да жакшы көрбөй, машинеден түшүп жатканда тиги чет элдик машинеден олбурлуу эки киши ага жакындады. Турган-эткендерине караганда аны коркутуп-үркүтүп, басынтып, керек болсо сабаш үчүн жиберилген өңдүү. Бирок баарынан мурда алар такси айдоочуну: "Кана, тезирээк кетип кал бул жерден!" деп жолго салышты.

Ал эми Арсен Саманчинди дубалга такашты. - Кана, улуу урматтуу, үйүңө жеттиңби? Ушундай сасыган жерде жашайсың да, анан кийгениң чий калпак. Арсен Саманчин эч нерсе деп жооп айтууга үлгүрбөдү, алардын бирөөсү чий калпакты анын көзүнө түшүрө катуу ылдый тартып жиберди. - Көзүңдү ач, өз ишиң болбогон соң кийлигишпе! Макалаларыңды таңгактап күрүлдөткөнүңбү, бул бойдон калбайт. Сага окшогондорго ок дайыма табылат! Түшүндүңбү, жексур? Дагы туура эмес бир нерсе жазып көр - бүт тамгаларды унутасың! О, шүмшүк, базарда жүргөнсүп тоюп алган тура. Жогол бул жерден! Эсиңде болсун кеч боло электе, куйругуңду түй.

Аны калтырып, тигилер дароо катуу ылдамдыкта сызып кетишти. Артынан таш ыргытса кана алардын... Бирок кайдан! Кыйналып, көңүлү айнып турган. Күңүрт күүгүмдө кире беришти көздөй унчукпай жөнөдү. Чий калпагын оңдоого гана араң алы келди.

Эми кагыла элек боз уланча бушайман болуп жатты: кандай кылыш керек, эмне кылат, мындан ары кантип жашайт, кайда барат? Ал эмне болуп жатат? Башынан көп эле нерсе өттү го...

Үйлөнүп да көрдү. Үйлөнүү тою да болгон. Баары унутулду. Туугандары болсо дайыма какшайт: биринчи ирет болбой калды - экинчисин создуктурганда эмне? Аракеттен! Бирок ал биригүү көпкө созулбады. Айла жок башка адамга айлануу колунан келбейт. Ошентип эки жакка кетишти, ажырашышты, бири-биринен кутулушту. Сүйүү - бул таңкы шоола, бир гана ирет күйөт, түбөлүк жаркыраган таң болбойт деп чын айтылса керек. Бирок буга эч ким макул болбойт, өзүнө түбөлүккө күйүүчү, өчпөс таңды талап кылышат... Мейличи. Таңбы, эмнеби, бири-бирин эч качан билбеген сыңары ажырашып кетишти. Мына ушул районго көчүп келип жашаганына үч жыл болду. Албетте, дурус аял үчүн ага окшогон адам менен жашоо оңой эмес. Төрөгөн да жок. Үлгүрбөдү. Туугандары жемелешет. Буга ким күнөөлүү? Түйшүктөн башы чыкпай жүрдү, казынада тыным албай эмгектенди. Акча! Баары бир Арсенге окшогон идеяларына берилген адам менен оокат кыла албайсың. Аны акылдан айныган идеячыл десе да болот. Ал үчүн бул дүйнөдө идея баарынан жогору турат. Бечара идеалист. Анын үстүнө кафедралык чыгаан. Аны минтип Орто Азия аймагы боюнча талдоо-баяндамасын даярдоо үчүн келген англиялык кабарчы айым атаган. Тиги-бу туурасында көпкө маектешишкен. Мына ошондо лондондук кабарчынын айтканы:

- Саманчин мырза, сиз бир нерсеңиз менен биздин өз идеяларынын өзгөчөлүгүнө бекем ишенген кафедралык чыгаандарыбызды элестетип жатасыз. Мына сиз да өз идеяларыңызды кыраакы кайтарып, коё бербестен алаканыңызда уучтап турасыз.

- Рахмат, муну угуу жагымдуу, жашырбайм. Бирок мен көбүрөөк тоолук чыгаанмын. Тоодо чоңойгом. Ал эми тоодо жардан учуп кетпөө үчүн эч нерсени көз жаздымында калтырбоо жана дайыма баамчыл болуу зарыл.

- Демек, сиздин кафедра - тоолор экен да. Чынында эле, - деп жылмайды англичан айым, - силердин чар-тарабыңар тоолор. Тигине алыста кандай тоо кыркалары көрүнүп турат!

- Аныңыз туура, биз тоолуу өлкө эмеспизби. Бирок мен туулган тоолор эң алыскы жана эң бийик тоолор, ошондуктан алар Үзөңгүлөш деп аталат, башкача айтканда, бул чокулар - асман тиреген үзөңгүлөр.

- Кандай кооз. Мага бул сүрөттөлүш абдан жакты. Англис тилинде - stirrup деп айтылат. Андыктан сиздин тоолоруңузду англисче - stirrup тоолору десе да болот.

- Кандай керемет! Кыргызча бул стиррап тоо! Үзөңгү тоолор! Менин жердештерим сыймыктанышат экен да. Ал эми мен тоолук гана эмес, кафедралык чыгаан болууга да каршы эмесмин. Кафедралар ар тараптуу, эң маанилүү идеялар менен алектенишет эмеспи.

- Демек, мен жаңылбаптырмын. Рахмат. Сөздү айттырбай түшүнгөн кесиптешиң менен маектешкен абдан жагымдуу.

Мына азыр короодогу караңгылыкка маанисиз тигиле, терезенин жанында туруп, Арсен Саманчин ошол сүйлөшүүнү эстеп, ойлонуп калды: мына ушундай, урматтуу "кафедралык чыгаан". Бүгүн турмуштун дагы бир "таттуу" сабагын алдың. Даамын таттың! Балы менен! Баракелде! Акыры жетти! Базар агымына эч кандай кафедра туруштук бере албайт. Мына сени базар камчысы менен чокуга койгулап кубалашты, сабашты жана тумшугуңду жарабыз деп коркутушту. Жадагалса сүйүүнү да сатылчу буюм сымал базарга коюшту. Сен болсо эми гана түшүндүң. Сыягы, сен ишкердик заманга жарабайт окшойсуң. Соцреализм деген нерсе үчүн дагы бир өзүнчө жаза. Стирраптык чыгаан имиш, айылдагы туугандарың сени менен өзгөчө кайра куруу жылдары сыймыктанышчу экен. Эми эстерине келишет. Мындан ары кайда жоголуу керек жана эмне кылыш керек? Тиги, Кайып колукту жөнүндө унут, унут эми! Анын кимге кереги бар? Идея кезинде эле аны попса тебелеп атат. Попса салтанаты. Бизде попса заманы! А сен мүңкүрөп башыңды ий же коштошпостон жоголуп кет. Ошентсе да кандай кылуу керек? Москвага кетсеби, ал жакта ишеничтүү адамдар бар, бирок ал жакта да попса күч алууда! Иши кылып туташ туңгуюк, аягы да көрүнбөйт... Эки жыл мурун баары ушундай жаман болот деп ким ойлоптур? Айдана менен агама коштошуу катын жазайын...

Ал терезенин жанында туруп, көпкө чейин ушул ойлор менен алпурушту. Анан - кантип экенин өзү да билбей - уктап кетти, тынч уктады. Кызык, ал кечте шаардык да, колтелефон да шыңгыраган жок. Адатта түн ортосуна чейин телефон чалышып, тынчын алышчу. Журналист, болгондо да көз карандысыз, мындайча айтканда, эгемен, Арсен Саманчинге ошондой болгону ылайык - бу да болсо сөз эркиндигинин шарапаты. Учкашкан соң түшөм дебе. Арыздар ушунчалык көп түшчү! Кай бирлерин басма сөз аркылуу чечүүгө мүмкүн болоор эле, кай бирлери - мүмкүн болбойт, эми ал жактоочу эмес да, бар болгону ММКнын дыйканы. Ал эми ар кандай шылуундар өз кызыкчылыктарын басма сөз аркылуу алдыга жылдырууну көздөп, элдин алдында өздөрүн көрсөтүү үчүн, жеңишке жетүүнү жана жалпыга дүңгүрөп таанымал болууну көксөп, алардын итче ырылдашкан атаандаштыгына кошулууну талап кылып кандай гана амалдарга барышпады... Бүгүн болсо үн-сөз жок. Таң калыштуу. Анын кемсингени жөнүндө кулактары чалып калбады бекен?

Жеке ырчыга, кайсы бир кездеги опера сахнасынын кудайына, азыркы бардык бурчтардагы "жарнактарда сүрөттөрү илинген - эстрада айымына" өзү жөнүндө да эмес, бар болгону жакында эле экөө биргелешип алып чыгышкан идея - кеңешип ойлонулган опера жөнүндө эсине салууга аракет кылып, ушунчалык катуу кагуу жеген бул адамга кайрылуунун кажети жок экенин жырткычтык жыт алгычтык менен сезип калышкандыр. Эми белгилүү болгондой ал бир опера-утопия турбайбы. Ал бардык байланыштарды үзбөдүбү, аны бирөө сыйкырлап өзүнө тартып алгандай - өз сакчыларынын курчоосунда кол жеткис болуп калды. Эмне болсо ошо болсун, бирок композиторду кандай кылуу керек? Токтотуш керекпи? Атайын Айдана үчүн классикалык операны жараткан бул маэстродой композиторлор азыр сейрек. Музыкалык чөйрөдө өтө абройлуу, Кайып колукту идеясын жан дили менен кабыл алган жана мынчалык сейрек кайрымдуулукка оңой менен барбаган каржылоочу менен келишим түзүүгө жетишкен композитор Аблаевге ресторанда болуп өткөн окуяны кантип түшүндүрөт? Кандай шерменделик! Сакчылар аны көчөгө алып чыгышып, муштумдарын түйүп коркута, таксиге түртүп салышты да, таксинин айдоочусуна: "Дос, бул эргулду токтотпостон түз Орто-Сай кичирайонуна алып бар. Бир аз ашыкча ичип алды" дешти. Анысы аз келгенсип шопурга акча да беришти.

Мына ушинтип Арсен Саманчинди "депортациялашты" б. а. жазалап кууп чыгышты, экинчи келгис кылып жолго салышты. Баарынан жаманы, чыга бериштеги фойедеги жаркыраган күзгүдөн ал өзүн бою менен көрүп, чочуганынан кыйкырып жибере жаздады. Абдан аянычтуу, басынтылган жана санда жок болуп көрүндү. Анан дагы бул кейпи кеткен чий калпагы, классикалык, модалуу имиш. Бир заматта ал коомдук жайдан куйрукка тебилип, айдалып чыккан, жек көрүндү жээриндиге айланды да калды. Ал болсо өз намысын коргогондун ордуна, бул кооз, атайын буйрутма менен жасалган күзгүдөн өзүн көрүп, тагдырына моюн суна кетип баратат. Анын демейдеги тыкандыгы, сүйкүмдүүлүгү, акылы кайда кетти? Аны бекеринен эгемен, көз карандысыз деп аташпаган чыгар, ал өз бактысынабы, же кайгысынабы, азиялык ММКтында сейрек кездешүүчү кынтыксыз, көз карандысыз журналисттерден болчу. Ал, Айдана дагы, өзү эркелетип атагандай, анын Айасы, кулагына: "Эгеменим менин! Мен да эгемендүү болгум келет, анан экөөбүз эгемен түгөйлөрдөн болмокпуз!" деп шыбыраар эле. Кайдагы! Баары тескерисинче болуп чыкты. Аны ишкер-ак сөөктөр кабыл алышкан жок, жээришти. Айдана болсо жылаңач ийиндерин куушуруп, бизнес-бейишке өтүп кетти. Кимдин эле бейиште болгусу келбесин? Баары ага батпайт, а ал жолдуу экен. Арсенде болсо го, эшигин ага кенен ачып бермек, бирок анда бейиштин ачкычы жок...

Башынан анын жан дүйнөсүн эргиткен меццо-сопраносу үчүн, ал үчүн жазылган "Кайып колукту" пьесасын коюу идеясы менен эми кайда барат? Көз көрүнөө талкаланып жаткан заманбап опералык театрдын маселесин кайсы чуңкурга ыргытып жиберет - таланттар кайтпас жакка кетип жатат, кармап кала турган эч нерсе жокпу? Салттуу репертуардагы театр же сакталып калат же жок болот. Бул улуттук да, дүйнөлүк да маселе. Ооба, массалык маданият шылуундары Арсендин, буга окшогон жасалма демилгечинин эсебин оңой табышты, аны баш көтөргүс кылып кордошуп, мындан ары бийик материялар тууралуу ойлонбой тургандай кылышты. Бул ушуну менен бүтпөйт, алар аны моралдык жактан тебелеп, өзү бутка чалынбай жолдон качкыдай кылып, мындан ары да эгемен-идеалистти шылдыңдап мазактоону уланта беришет. Бул деле кекээрлүү мылжыйган дал ошол шоу-ишкердиктин короо шыпыргычтары, башкача айтканда, поп-модернизмдин топ-модельщиктери деп аталгандардын колунан келет. Мындай ишке алар шымаланып киришишет. Бул үчүн аларга баары - интернеттен тартып космоско чейинки бардык каражаттар берилген. Күнүмдүк жардамчылар да алардын кол астында - эстрада, басма сөз... Ай, байкуш, басма сөз! Тоталитаризм мезгилинде кулчулукка каршы күрөшүп, күрөшүп - акыры өзү базардын кулуна айланды. Эфир дагы ага кызмат кылат, радио ар бир машинеде бар эмеспи... Алтургай космостук спутниктер да ааламдык айлампада шоу-ишкердиктин алга жылдыргычтарынын ролун ойноп жатпайбы. Ошентип мунун баарысы - классикалык баалуулуктарды кысып, четке чыгаруу үчүн, футбол аянттарындагы улам күчөгөн укмуштуу толкундоолордой пайда көрүү максатында жасалат. Бардыгы алардын колунда.

Сенчи, сен болсо, адашкан энтузиаст-утопщик, башкача айтканда - утопист, байкуш, эмне үчүн баарын билип туруп, алардын жолун жалгыз торойсуң? Чын эле мүңкүрөгөн курмандыкка окшоп, өзүңдү калтыраган колдоруң менен шоумендик ордого тартуулайсыңбы? Жадагалса сүйүүңдү да табакка салып, - мына алгыла, бизге жолтоо болбосоңор эле болду деп, алардын астына таштайсыңбы? Бул сен жашоонун маңызы жана сулуулугу, кудай берген түбөлүктүүлүктүн белеги деп атоочу нерседен аргасыз баш тартуу болот, анткени сүйүү Ааламдын белеги, түбөлүктүүлүктүн күчүнөн чыккан кубат. Мына ошондуктан кошулуу ырахатын түбөлүктүүлүк менен жер бетиндеги жашоонун биргелешкен аракетинин эң жогорку көз ирмеми деп түшүндүрүүгө болот, жана ошондуктан ашып-ташкан кумарлануу жана сүйүү сезимталдыгынын салтанаты өзүндө трагедия менен драманы камтыйт, жер менен асмандын ортосундагы мамилелердин татаалдыгын аныктайт. Бардык сүйүү тарыхын акыры өлүм жыйынтыктайт, бирок Жараткандан сүйүүгө берилген түбөлүктүүлүк энчиси кийинки муундарга өтөт жана алар да сүйүүгө берилип, сүйүү аркылуу түбөлүктүүлүк агымына кошулушат. Бирок ар качан бузуку күчтөр митаамдык менен сүйүү дүйнөсүнө кол сала беришет, анткени адамдын жаратылышынын караңгы үңкүрлөрүндө алардын көбү катылып жатат жана барган сайын алар кылдат болуп баратат, ошондуктан адамдарда ички күрөш токтобойт.

Мына сен жаза бастың жана, мындай учурда айтылгандай, катуу сындың, кемсиндиң, эми өз сүйүүңдү талаага таштайсың, сага эчак жетилген адамга жана тигиге дагы сүйүү жогору жактан жиберилбеди беле. Ушунчалык жек көргөнүңдөн анын атын ичиңден да айткың келбеген шоумендин алдында уят болдуң, жер карадың. Бирок анын муну менен иши жок. Ал шаңданып атат, ал жеңүүчү. Сөздүн ачыгы, ал жагалданып жага алды жана элдин көзүнчө сенин сүйгөн айымыңды ээрчитип кетти - чынын айтканда, аны продюссери катары, андан ары зор ийгилик менен соодалоо үчүн аны сатып алууга кудурети жетти. Сен болсо өзүңдөгү сүйүүнү коштоп жүргөн жан дүйнөңдүн музыкасы жалп эте өчкөнүнөн, сандалып кала бердиң, сенин көөдөнүңдөгү мухит сымал чалкып жашыруун жаткан - мейли үстүртөн, мейли башкаларга көрүнбөс жана угулбас, мейли шыктандыруучу болсо да, бирок андан ажыроого сенин дитиң барбайт эле го. Мына аң-сезимиңдин көрүнгүс симфониясы, жашоо чөйрөсү калбагандыктан акырындап бүтүп баратканына эми кайгыра бер.

Ушул жерден Арсен Саманчин өзүн-өзү эсине келтирип, колго алууга аракет жасады: мунун баары сезимдер, акыл-эс менен ой жүгүртүүгө аракеттен. Эгер Кайып колукту баянынын негизинде эчак опера жазылып жана партитурада болсо, башкы ролго татыктуу аткаруучуну башка шаардан же башка өлкөдөн деле табууга болот эмеспи. Кымбатыраак болмок, бирок уюштуруу маселелери чечилмек. Ойлонуп көрсө, ушундай туюлду...

Ошентсе да, баарына карабастан анын жан дүйнөсү уламдан улам өч алууну көксөп, жек көрүүнүн оргуп чыккан толкунуна чөмүлүп жатты. Азыр олигарх деп аталчулардын бир билерманы сени буту менен тебелеп жатканына чыдоо мүмкүн эмес эле. Мейли, каалашынча пайда көрө беришсин, бирок эмне үчүн элдин баары аларга баш ийип, киши өлтүрүүдөн баштап, намысын сатууга чейин көмөктөшүшү керек? Ал асмандагы жылдыздар жерге күбүлүп түшкүдөй кылып, соккуга так өзүндөй сокку менен жооп бергиси келди!

Анан Арсен Саманчиндин башына кара ниет ой түшө калды - өлтүрүп жана ошол замат өзүн өлтүрүү! Нөл-нөл! Сен жок - мен жок! Чекит! Андан кийин бул жөнүндө басма сөздө жана башка ММКда эмне деп жазышат, эл оозунда калппы, чынбы, эмне болот - баары бир!

Мурда теле жана кинодетективдерин жек көрүп мыскылдоо менен көрсө, эми мына өзү кинодогунун дал өзүндөй - калтаарыбастан, токтоолук менен киши өлтүрүүгө даяр... үч жолу таамай атып, анан башка бир жолу текшерүү иретинде, атаардан мурда душманынын бетине электршоктун соккусунан кийинкидей, анын мээси айнып калгыдай кылып, өкүмдү окуу. Андан соң тапанчаны өз чыкыйына такап туруп, машаны басуу. Бүттү, мара! Тиги дүйнөдө жолугабыз... Анан териштиребиз...

Арсен Саманчиндин ал жакка өзү менен кошо ала кеткиси келген жалгыз нерсеси - ал дагы, Айа жогорку жактагы күчтөр тарабынан кутулгус намысы чыдатпай азап чегүүгө аргасыз болоор, кордолгон "Кайып колукту" үчүн, сатылган сүйүүсү үчүн жаны жай таппай жүрүп өтөөр деген үмүт, же андан да жакшысы ишеним эле.

Экөөнөн башка бир да жанга белгилүү эмес хайдельбергдик сүйүү тарыхы анын өмүрүнүн акыркы мүнөтүнө чейин эсинен кетпей улам-улам эсине түшсө. Арсен тиги дүйнөдөн анын өкүнүп ыйлаган үнүн укса. "Кайып колукту" идеясы аларда хайдельбергдик тоолуу сепилде ошол экөөнө гана таандык айлуу түндө, ошол орто кылымдык немис шаарынын үстүндөгү романтикалык сейил бакта жаралбады беле, ал жакта экөө чогуу: ал хайдельбергдик музыкалык коомдун чакыруусу менен концерт коюп, Арсен - аны коштоп барган журналист катары - барышкан.

Токто, сенин ойлогонуң болбогон нерсе, эч нерсеге арзыбайт, кылмыш экенин айтпай эле коёюн, уят деп ал өзүн кантип гана башкарууга аракет кылбасын - эч нерсе таасир этпеди, өч алуу көксөөсү суубай, жамандыкка жамандык менен жооп берүү табигый каалоосу азайбады, тескерисинче кыжырын кайнатып, күчөп баратты. Капыстан балачагында уккан - кыргыздар аргасыз учурда айтуучу сөз же лакап эсине түштү: "Эх, эмне болсо ошо болсун, башыңды ташка урасыңбы же камчы менен өзүңдү сабайсыңбы, душмандар кол салганда, колго түшүп бербестен, ээрден аны эңип түш, көкүрөккө найза сай. Же болбосо - жаныңды кый, демек, башка арга жок..."

Бул сөздөр качан, эмне себептен жана кандай аргасыз абалда айтылганын ким билсин... Бирок мына ал да эки анжы болуп турат, душманыңды өлтүр - же өз жаныңды кый! Башка арга жок. Кандай жапайылык! Ал дароо өзүн жемелей баштады.

Ушинтип бечара толгонуп жатты, анан капыстан артка кескин кетенчиктей, үнү каргылдана кекечтенип: "Акмак! Эмнени ойлоп атасың? Эмне менен атмак элең? Сөөмөйүң мененби! - Дубалда илинген күзгүгө келип, аз жерден өзүнүн бетине түкүрүп жибере жаздады. - Сенин жадагалса оюнчук тапанчаң да жок го! Кыялданып алганын!"

Ал жалданма киши өлтүргүчтөр, киши өлтүрүүнүн ыкмалары жана жолдору тууралуу көп уккан - ал жөнүндө жазып да, сыналгыдан көрсөтүп да жатышпайбы, бирок иш жүзүндө баары эле оңой боло бербейт. Албетте, ошончого барган соң табууга, сатып алууга болот да. Бирок атканды да билүү керек... Мына сага...

Ал эми "Кайып колуктунун" кайгысы чексиз...

Таңга жуук түшүндө ал өз колтелефонун колуна кармап алыптыр, телефон чалгандын ордуна бир жакка мээлейт, бирок ок атылган жок... Ошол жерден телефон шыңгырады.

Арсен Саманчин телефонго жакын келди, бирок трубканы көтөрбөдү. Кыжырлана кол шилтеди - сүйлөшүүгө ал жок. Телефон кайра шыңгырады - дагы эле мурдагысындай кол шилтеди.

Ооба, ок кутусу толо огу бар тапанча табуу керек. Мына балаа, эч качан ойлогон эмес... Кимге кайрылат?..

Жарык түштү. Короодо дабыштар угула баштады. Ал дагы эле эмне кылышты билбей турду. Бир туруп, бир жатты. Мына эмесе маселе! Азыркы күндө дээрлик тиш щетка сыяктуу зарыл, бирок ошол эле учурда кол жеткис бул нерсени кайдан жана кантип табууга болот? Курал базарда да сатылат имиш дешет. Баасы канча болсо да сатып алуу керек, анткени мындан ары ага акчанын кереги жок. Жашоо бүтүп баратат - эч кандай түйшүк жок...

Эгер тапанча табылып калса аны дайыма жанында, жан чөнтөгүнө салып жүрүү зарыл, калган алдыда боло турган нерсенин баарысы Арсен Саманчинге шек туудурбады. Оюндагысын так, калтаарыбастан аткарат, октор биринин артынан бири жаайт жана акыркысы - өз чыкыйына. Ал эми мындай мүмкүнчүлүк болооруна ал ишенет, анткени ал өлүмгө буйруган адамды дайыма жолуктура алат - алар көптөн бери тааныш, бир топтун адамдары десе да болот. Чынында, акыркы убакта сейрек көрүшүшчү. Азыр ал - баарына үлгүргөн эстрада продюсери, ак сөөктөр келүүчү жайлардын ээси, дээрлик күркүрөгөн бай, кожоюн, башчы, дагы кандай дешчү эле, бир кезде жөнөкөй артис эмес беле. Мына, демек - рыноктук тайгага жол тапты көрүнөт. Анан андан ары баш-оту менен шоу-ишмердикке кирип кетти! Азыр баарыбыз эле базарда шимшилеп жүрөбүз, ал эми жолдууларды бирден санасаң болот. Негизгиси, байлыгына манчыркап, ал өзүн бульдозер сезип алды, эгер идеяны жокко чыгарып, кимдир-бирөөнүн жашоосун тебелеп-тепсеп, аялзатын темир жанга айлантуу керек болсо - ал андан да кайра тартпайт. Болду жетишет! Курал эле табылсынчы - калганы бүтөт, эми бул эрктин жана эр жүрөктүүлүктүн иши.

Ушинтип ал өзүн-өзү ынандырып атты жана таң калыштуусу, анын жасай турган иши адал экенине улам барган сайын ишеничи күчөдү. Чынында бир ой пайда болгон: кызуу кандуулук менен кек алуу аракети эмнеге жеткириши мүмкүн! Жакшылык болушу үчүн жамандык кылыш керекпи? Ушундай болушу мүмкүнбү? Бирок ошол замат башын чайкайт: дагы амалданып жатасыңбы, азыр эле ойлонуп алып - кайра өкүнүп жатасың... Коркоктук кылган жоксуңбу? Андан көрө ага кантип жакындайсың ошону ойлон - сүйлөшүш керек эле демиш болуп. Анан ошондо...

Баса, алар жакында эле жолугушкан, сүйлөшүшкөн... Ырас, Эрташ өзгөчө деле кызыккан эмес, пресс-конференциядан кийин бир жакка шашылып, улам саатын караган. Эми ал ичинен, балким аны, идеяга берилген немени - акмак, булуттарды аралап учуп жүрөт! - деп шылдыңдап жаткандыр. Албетте кайра куруу жылдары жашыраак болушчу, Арсен Саманчин өзү ошол кезде эле ар кандай макалаларды, анын арасында театралдык темада дагы жазып жүрчү. Бирок ал кезде Эрташ Курчал катардагы артист, эч ким эмес эле. Эмичи!.. Болоору болду! Ал кезде, кайра куруу мезгилинде, театр өнүгүп турган чак. Жаңыча ой жүгүртүү пайда болгон. Театр сахнасында заман чагылдырылчу. Театрдын ал учурда зоболосу көтөрүлгөн, театрда адам тоталитаризмдин туткунунан суурулуп чыгып, жан дүйнөсү көкөлөгөн. Бирок бул Эрташ Курчалов, шаардык драма театрынын катардагы артисти, эч нерсеси менен өзгөчөлөнчү эмес, анда аны эч ким байкабаган. Ал убактагы карапайым актёрдун ичинде (чынында бою башкалардан бир аз узунураак жана үнү жоонураак болбосо - көпчүлүктүн арасында жүргөн көптүн бири болчу) бардык эстрада жана алтургай стадиондордун башкаруучусу болгон, шоу-бизнесмендин дарамети катылып жатат деп кимдин оюна келиптир?

Ошентсе да, ошол кездердин чөйрөсүндө өзгөчө жаштар арасында күтүүсүздөн кеңири таанымал болгон, бардык коштолуучу сахналык таасир берүүчү каражаттары жана заманбап шоу-өндүрүштүн өтө тез акталуучу жарнактары менен өтүүчү массалык эстрадалык көрсөтүүлөрдүн белгисине айланган Эрташ Курчал деген сөз айкашы пайда болду. Эрташ Курчалдык таасирдүү клип-концерттер гастроль менен көп жактарга, Кытайга, Москвага барып келишти. Кыскасы, Эрташ Курчал эпчил жана шамдагай болуп чыкты, эстрадалык мейкиндикке ээлик кылууда күчтүүлүк кылып кетти. Мына ошол шайтан алгыр "Эрташ Курчаловдук" эпкин Айдана Самарованы зор күч менен оп тартып кетти.

Бир убакта опера театрынын жеке ырчысы болуп жүргөн, капыстан Эрташтын бизнесинин күңүнө айланып, сыналгынын бардык каналдарынан көрүнүп, улам барган сайын жаркырап күйүп бара жаткан эстрада жылдызына айланган, башына түшкөн попсалык даңктын кучагында "а-ля Голливуд" сахналык мүнөзүндө үнүн да, келбетин да өзгөрткөн, кыскасы, өзүнүн бүт тагдырын башынан бычып салган Айа, Айдана Самарова эмне болгону тууралуу ойлонууга кеч болуп калган. Поезд кетип калды деген айтылыш ушул жерге ылайыктуу болчу. Чын эле тагдыр аларды бир нече күнгө хайдельбергдик сепилге, сүйүү деп аталган кубаныч алардын баштарына түшүп, "Кайып колукту" идеясы жаралышы үчүн да жалгыздаткан, Хайдельбергден Айдана экөө поездде келе жатышып, анан кезектеги токтоочу жайдан ал күтүүсүз карама-каршы тарапты көздөй кетүүчү поездге олтуруп, зымыраган боюнча кеткендей туюлду. Арсен болсо темир жолдогу заматта көздөн кайым болгон поезддин артынан көпкө чуркап, ээн талаада акылынан адашкансып: "Ай-ааа! Ай-аа! Биздин "Кайып колуктубуз" эмне болот? Токто, токто! Ай-аа!" деп кыйкырат. Бирок ал кетип калган... Аны ким азгырганы, ким казына кагаздары менен көңүлүн алганы белгилүү. Локомотивдин айдоочусу бир убактагы "белгисиз", ал эми азыр жалпыга таанымал Эрташ Курчалов эмеспи.

Анан эмнеге ал, апенди, көрүнбөс поезддин артынан чуркап, жообуна: "Келесоо! Акылсыз! Маньяк!" деген көктөн чыккан каткырыкты укмак эле? Баарына кол шилтеп, унутуп коюу дурус болор?..

Бирок заманбап шоу-ишмердиктин аёосуз, буркан-шаркан түшкөн жүрүшүн Арсен Саманчин канчалык айкын түшүнбөсүн, өзүнүн аргасыз таттуу кыялдарынан эч кайда кете албайт эле. Ал өз эрки менен өзүнүн жеке идеясынын туткуну болгон жана аны менен байланган, аны менен бирге туңгуюкка камалды. Баштагы бардык кызыгуулар - ал жана Кайып колуктудан башкасынын баарысы - бара-бара тарап, тирүүлүктүн кайдадыр бир тиги тарабына өттү.

Ал дайыма табигый ички сезими менен сак мамиле кылган, массалык маданият, аңгыча барган сайын күч алган өзүнүн коммерциялык, мухиттик толкундары менен толкуп-ташый, улам-улам ага урунуп, дүйнөгө салтанаттуу жүрүш жасады.

Анан ал массалык маданияттын маанисин билдирген, глобалдык массмедиянын оозунан түшпөгөн жаңы сөз ойлоп тапты - дүң маданият, дүң товарга окшош. (Кудай жалгасын! Массмаданият андан былк этип да койбойт!)

Өз аныктамасынын даана экендигине ал жакында шаардык майрамга арналган стадиондогу зор шоу-концерт учурунда көзү жетти. Шаардын 250-жылдыгы белгиленип жаткан.

Кечке маал бир нече миңдеген адам толгон стадион чайпалып, оттору жаркырап, илинген ар түстүү жарыялар жана эбегейсиз электрондук жарнак менен көркүнө чыгып турду. Майрамга келген көпчүлүк, көбүнчө жаштар шаңданып, тоодон соккон салкын желге ыргала, көңүлдөрү көтөрүңкү эле.

Баары көңүл ачууну жана бүтпөс оюн-зоокторду каалап турушту.

Айткандай эле болду. Кулакты жарган музыка сезимдерди козгоп, стадиондо жаңырып жатты, сахнада бардык хореографиялык стилдеги бийлер - балеттен тартып, коштоочу бийлерге чейин, биринин артынан бири алмашты, аларга жараша кийимдер жана жасалгалар да алмашып жатты, ушул бүтүндөй динамикалык, сахналык табияттын эң негизги азгырыгы ал, Айдана Самарова эле! Ушул шаңдуу концерттин баары анын, жылдыздын айланасында чогултулган жана ылайыкташкан! Жана анын чынында таза, терең үнү, ачык стадиондогу техникалык жабдуулар аркылуу көккө жете, анын бойлуу, келишкен, кыймылдуу мүчөсү, ашкере ачылбаган ийкемдүүлүгү менен ырларын коштоп, жанындагы жарпты жаза, бир ыргакта бийлеген улан-кыздар - сулуулар жана сымбаттуу жигиттер, ушунун бардыгы биргелешип, көпчүлүктүн делебесин козгой майрамдык толкундоосун жаратты. Бардыгы сахнада, Айдананын жанында болууну самашты. Бүткүл стадион өйдө көтөрүлгөн колдордун бирдиктүү деңизи сымал ыргалып, кубанычка бөлөндү. Жалгыз гана ал: "Опералык периште шлягер канышасына айланды!" деп ойлоду. Бирок анын ойлору менен эч кимдин иши жок. Тескерисинче, Айдана өнөктөшү менен эч бир өзгөчөлөнбөгөн "Лимузин" деген ырды аткара баштаганда көрүүчүлөрдүн толкундоосу өзүнүн жанар тоо сымал чегине жетти. Ал коңшу - өзбектердин белгилүү ыры эле жана ырды өзбек тилинде аткарып жатышты, бирок ал тилди бул жерде баары түшүнөт! Чыгыштын заманбап жаңыча музыкасы көпчүлүктү тааныш обону менен өзүнө тартты, электрондук добуш кошуу менен бирге стадиондо клиптик сөздөр көкөлөдү: "Сен мени севярсинми? Сен мени севярсинми?" (Сен мени сүйөсүңбү? Сен мени сүйөсүңбү?) "Лимузин берарсинми? Лимузин берарсинми?" (Лимузин тартуу кыласыңбы? Лимузин тартуу кыласыңбы?), ага жооп кылып өнөгү шамдагай бийге түшүп: "Мен сени севярмин, мен сени севярмин" (Мен сени сүйөм, мен сени сүйөм), "лимузин берармин, лимузин берармин" (лимузин тартуулайм, лимузин тартуулайм) - деп ырдады.

Ошол жерден эмне гана башталды дейсиң! Миңдеген көрүүчүлөр бир кылка колдорун көтөрө, чайпалып: "Ли-му-зин! Ли-му-зин!" деп кайталап жатышты.

Ошол учурда абдан чоң панорамалык экранда - стадиондун төрт бурчунда төртөө - ырга жараша клиптин тасмалары көрүндү: керемет лимузинде - үстү артка ачылчу кабриолетте - сүйүшкөндөр, Айдана жана анын сүйкүмдүү өнөктөшү зымырап кетип баратышты. Бири-бирин рулда кезектеше алмаштырып, алар кооз жаратылыштын жанынан, бирде ак мөңгүлүү тоо кыркасынан, бирде көпүрөлөрдөн, талаалардан өтүп баратышты, куштар катарга тизиле лимузиндин артынан учушту. Мына шаар четиндеги сейил бактан лимузин токтоду, алар, бактылуу түгөйлөр кучакташа жарнактары жаркырап азгырган ресторанга киришти, анан кайрадан лимузинге түшүп, сызып жөнөштү.

Музыка жаңырып жатты, стадион дагы да: "Ли-му-зин! Ли-му-зин! Ай-да-на! Ай-да-на!" деп кайталады.

Арсен Саманчин уялганынан кирерге жер таппай калды. Бирок көңүл ачып жаткан көрүүчүлөргө салыштырмалуу ал ким эле? Өзүнүн дагы: "Ли-му-зин! Ли-му-зин! Ай-да-на! Ай-да-на!" деп күңкүлдөп жатканын байкады. Башкаларга кошулуп...

Акырында такыр күтүүсүз жана майрамдык зор көрүнүш болду - фейерверктер асманга атылганда түн жарык боло түштү, көзгө көрүнгөн мейкиндик дээрлик горизонтко чейин түстүү учкундардын жалтырак чачырандыларына толду. (Кандай кооз, кандай көркөм! Азамат, шаар башчысы! Мындай нерсе анын гана колунан келет да! А кимдин айтуусу менен? Кайрадан - Эрташ!) Эң кызыктуусу, майрамдык түстүү жарыктардын тобу адаттагыдай салтанат өтүп жаткан жерге жакын жерден эмес, алыстан, шаардын четинен атылып жатты. Кубаттуу ракеталар шаар четиндеги тоолордун чокусунан атылып, бир жарыктын артынан экинчиси баш айланткан бийиктикке көтөрүлдү. Бул көрүнүш болуп көрбөгөндөй, эстен чыккыс таасир калтырды. Ал кайрадан ойлоп койду: мындай ажайып кооз көрүнүштү ким ойлоп таба алат? Албетте ал - Эрташ Курчал. Бардыгы шаардын юбилейине арналып уюштурулганына карабастан - негизи жылдыздуу ырчы Айдананын урматына жасалган эле! Анткени музыка жаңырып, түстүү жарыктар түнкү асманды көз уялта жаркыратып, улам бийик учуп жаткан маалда, панорамалык телеэкрандарда кооз лимузин кубанычтуу түгөйлөр менен дагы эле сызып бараткан. Асман астындагы бүт дүйнө жылдыз сымал жанып тургандай сезилди...

Ошол саатта дүйнө жүзүндө бир да адам билбеген бир окуя болду...

Жалындаган оттордун учкундары тоо кыркаларына жете, ушунчалык бийик көкөлөп, жер бетин ушунчалык алыска даана жарык кылгандыктан, тоодогу ойгонуп кеткен канаттуулар чуру-чуу түшүп, ошол эле ашууда бугуп жаткан Жаабарс селт эте ойгонду. Ал ордунан туруп, өйдө жактагы тоодон оргуп чыгып жаткан сыяктанган алыскы отторду карады. Жок, бул асманда учуп жүрүүчү жылдыздар эмес болчу, көнүмүш эмес, башка нерсе эле. Жырткыч жашырынууга аракет кылды - болбоду. Жаабарсты күн сайын келтирген кыял ордунан чыкпагандай эле - ал ошол бойдон дагы эле ашууну ашып, бийик тоолуу тиги дүйнөгө сүңгүп кирип кете албай жүргөн. Тагдыр аны ушул жерде өжөрлөнө кармап турду, жардам бергиси келбеди. Тагдырдын колунан баары келет эмеспи, жок, эмнегедир жээринди Жаабарс ага дал ушул жерде керек болчу. Кайдан билсин? Тагдыр дайыма үнсүз... Бирок тээ алыскы майрамдык түстүү жарыктардын ошол түнү Жаабарстын көзүнө урунганы, жогору жактан берилген белгидир...

Ал эми стадион болсо буркулдап кайнап, рок-концерттин ыргагында бир добуштан: "Ли-му-зин! Ли-му-зин! Ай-да-на! Ай-да-на!" деп кайталап жатты.

"Мына ошентип ал дүң маданияттын лимузинине түшүп, зымырап кетип калды!" деп муңайым ойлоду Арсен Саманчин. Анан кайрадан: - Эми "Кайып колукту" эмне болот? Кийинчерээк ал эки квартал ары жактагы унаа токтоочу жайга, кечке ар түрлүү чет элдик машинелердин арасына токтотулган өзүнүн "Нивасына" бара жатканда: Дүң маданият каптаган азыркы жашоодо карама-каршылыктар кандай көп! деген ой келди. Өлкөдө жакырчылык, жумушсуздук! Жаштар көчө боюнда бир нече километрге созулуп, "Бизге жумуш бергилечи!" деген ураандар менен олтурушат, алардын көпчүлүгү ээн калган айыл-кыштактардан келишүүдө. Бул адамзат коомуна болгон чакырык, демек, ал жаңы муундардын талаптарына жооп бере албайт, заманбап дүйнө аларга: "Коомго сенин керегиң жок, көзгө көрүнбөй жогол!" деп жаткансыйт. Ал эми биз, жумушу барлар лимузинибизге түшүп, алга зымырайбыз.

Ушуларды ойлоно ал өзүнүн "совет доорундагы" "Нивасында" түнкү көчөлөрдү аралай кетип баратты, мындан жакшы машинанын ага кереги да жок - көнүп калды, анын үстүнө, башкасы чөнтөгүнө чак келбейт! Элдин баары эле лимузин тебе бербейт да. Ал, Айа болсо "лимузинделип" кеткенин - эми эмне кылмак элең. Ал азыр жылдыздын жылдызы, кол жеткис, сакчылар тегеректеп жүрүшөт, телефон чалсаң жооп бербейт... Мурдагы күйөөсү менен кайра жарашпайт го, аны көп жылдан бери ичкиликке берилип кеткен дешет.

Сын таккан менен болобу. Жашоодо бардыгы болушу мүмкүн. Ар кимдин өз түйшүгү бар... Ошентсе да, болуп жаткан окуяларга олуттуу көз жүгүртсөк, Айдана Самарованын шахматтык чечкиндүү жүрүшүн түшүнүүгө, талдоого аракеттенсек, мыкты үнү бар опера ырчысы - ал Милан сахнасында ырдоого татыктуу, анын орду ошол жакта - анда анын ушундай ылдамдык менен поп-маданият булуттарында баш айланткан жылдыздык атак-даңкка бой таштаганын кантип түшүнүүгө болот! Ушунун баары аркылуу кандай гана акчаларды күрөп таап жатышат дейсиң!

Токто! Бул анын өз иши, анын укугу! А сен болсо ээрден эңилип түштүң, ошон үчүн азап тартып, буркан-шаркан түшүп, жамандап жатасың... Атаандаштарың алда канча күчтүүрөөк чыкканын мойнуңа алсаң! - деп өзүн тилдеп жатты Арсен Саманчин. Сен кимсиң, журналистсиң, мейли көз карандысыз, мейли таанымал - ал деген ким. Мына ушундай ар башка чөйрөлөр. Бирөөң - массмедиа космосунда, экинчиң - массмедиа кумурскасы. Анан дагы, сүйүү дайыма сыноолорго кабылат, антпесе анын азабы да, кубанычы да, кайгысы да, бактысыз учурлары да болмок эмес... Ооба, кээде - тоодон ылдый көчкү сымал түшөт, эч ким токтото албайт. Ар бир сүйүүнүн өз тарыхы, өз азап-тозогу бар. А сен болсо жеке кайгыңды Ааламдашууга, массалык маданиятка оодаргың бар.

Сен башка суроого жооп таап жана элди да ынандырууга аракет кылчы. Массмаданият "Кайып колуктуга" кандай ыкмалар менен каршы чыгып, аны кабыл албай жатат? Силер Айа экөөңөр жалгыз калып, өзүңөр менен гана алек болуп жаткансыганда, бүт өткөн өмүрүңөрдө ушул гана көз ирмемди күтүп жана акыры сүйүүнүн чыныгы табиятын түшүнүп, тагдырдын белеги катары билүүгө мүмкүнчүлүк алган сыңары сүйүү толкунуна сүңгүп кирип баратканда, кантип жана кайдан капысынан "Кайып колукту" пайда болгонун, анын кандай тиешеси бар экенин айтып берүүгө аракеттенчи. Карап турсаң күлкүлүү: экөөң жаш балдар эмессиңер да, буга чейин эле экөөңөрдүн тең башыңардан көп нерсе өтпөдү беле, бирок тагдыр силерди өткөндүн туткунунан бошоткон. Тоо боорундагы байыркы сейил багы, байыркы сепил бар болчу жана асманда булуттар арасынан толгон ай ойго бата силерге көз салып турган. Ошол күндү жана ошол саатты, ал отуздан ашып, сен кырктын кырына чыгып калганыңарга карабай, тагдыр силердин сүйүүңөрдүн ачылышы катары болжоп койгон, экөөңөр жолугушууңарды тамаша аралаш ушинтип атагансыңар. Бирок, кеп силердин сүйүүгө магдырап турганыңар жөнүндө эмес, ошол күнү сүйүшкөн экөөңөрдүн алдыңарда "Кайып колукту" дээрлик чындап пайда болуп, ал өз жан дүйнөсүн ырдан төгүп жана аны Кайып колуктуга айланткан бактысыз сүйүүсү, сүйгөнүнөн ажыраганы жөнүндө айтып, бүт дүйнө анын үнүн угушу жана издеген адамын табышы үчүн аны сактап калууңарды тизелеп суранганы туурасында болмокчу. Мына ошондо, ошол ойдон чыгарылган айым менен жолугушууда, чыгармачыл ой - опера коюу идеясы жана аны менен байланышкандын бардыгы жаралган. Ооба, "Кайып колуктуга" жолугуу ушунчалык чындыкка жакын болгондуктан, силер аны сактап калууга, аны дүйнөгө опера аркылуу, театр сахнасында, Айанын аткаруусунда алып чыгууга ант бергениңерди башкаларга жеткирүүгө аракет кыл, Айа өзү өмүрү өткүчө "Кайып колуктуну" ырдайм деп шыбырап, убада бербеди беле.

Токто, токто андан ары күчөп кетпей! Ушундай укмушка, мындай кереметке ким ишенсин? Ар бир туура ой жүгүрткөн адам: мунун баары сандырактык, ойдон чыгарылган жомок, байыркынын аңгемеси, уламыш, жөн эле имиш сөз, жалган экендигин айтат. Мындан башка пикир болушу да мүмкүн эмес. Ошентсе да Кайып колуктунун жана анын элесинин сыйкырдуу пайда болушу Арсен Саманчиндин ички дүйнөсүндө терең орун алды (баса, ошол учурда муну Айдана да тең бөлүшкөн, ал кезде бул экөөнүн биргелешкен ой толгоосу эле, кийинчерээк Айдана жолдон адашты жана артка кетенчиктеди - лимузинге түшүп кете берди, тагыраак айтканда, аны адаштырышты, ишкердик туткунуна алышты, бирок азыр кеп ал жөнүндө эмес). Бул элес анын жетимсиреген жүрөгүндө чыныгы ишенимге жана түгөнгүс кайгыга айланып, жогору жактан келген белги катары орун алып калды. Кудайды эч ким көргөн эмес да, бирок адамдар ага ишенишет. Мына ушинтип, эңсеген элести жан дүйнөң менен көрүү, аны сүйүү аркылуу - ишеним келсе керек.

Ушул сыяктуу бир окуя ошондо, Хайдельбергде алардын башынан өткөн. Айдана Самарова бир күндүк жеке концертин бермек. Ал абдан ийгиликтүү өттү. Хайдельбергге чакырылышы - көбүнчө анын, Арсен Саманчиндин да эмгеги экенин ал албетте билди. Буга анын жакын адамдары - журналисттер, музыканттар, достору көмөктөшкөн.

Жергиликтүү музыка сүйүүчүлөр үчүн классика ырдаган Айдана жаңылык болду. Мындай өзгөчө гастролдорду Европада өткөрүүдө адатка айлангандай, бардык жерлерге жарыя кагаздары илинди, ал жөнүндө жаңылыктардан маалымдашты, анын ырдаганы сыналгыдан көрсөтүлдү, гезиттерге пикирлер жарыяланды. Айдана Самарова байыркы Хайдельберг кирхасына чыгып ырдады. Көңүл ачуу иш-чаралары үчүн сыйынуу жайынын берилиши протестант немистери үчүн өзгөчө урмат болуп эсептелет. Кирханын бийик чатырларынын астында жандуу добуш, кылымдар бою үндү асманга көкөлөтүү үчүн кызмат кылып келген, узакка созолонуучу мыкты акустика менен күчөтүлдү. Фортепьяно менен органдын коштоосунда Айдана итальян, орус жана немис тилдеринде ырдады. Бир нече ырды ырчы айым эне тилинде кыргызча аткарды. Кол чабуулар көпкө созулду, кирханын хорунда да, нефине толгон угуучулардын көздөрүндө жан дүйнө кубанычы жалындап турду.

Ийгилик кубанычы жана шыктануу алардын сүйүү сезимдерин курчутуп, жакындатты, алар дайыма бирге болууну самашты. Дал ошол көңүлдөрү көтөрүңкү абалда аларга Кайып колукту көрүндү. Концерт жана алардын урматына кирханын жанындагы ресторанда уюштурулган чакан кабыл алуудан кийин эңсеген ээн калууга шарт түзүлүп, бул күндөрү эң сыйлуу коноктор катары жайгаштырышкан байыркы хайдельберг сепилин курчаган тоолуу сейил бакта экөө сейилдеп жүрүштү. Маанайлары көтөрүңкү эле. Сепилдин кире беришиндеги барда бир аз олтурушуп жана бир ууртамдан виски ичкен соң, алар аллеяга кайра сейилдеп чыгышты, түн ортосунда жомоктогудай жарык кылынган орто кылымдык шаарга бийиктиктен суктана карашты. Сөрүканада олтуруп, музыка жөнүндө сүйлөшө кетишти. Бир убакта Айдана ага суроо узатты:

- Арсен, сага кандай ыр ырдап берейин?

- Азырбы?

- Жок. Концерттердин биринде симфониялык оркестрдин коштоосу менен. Сен залда болосуң, а мен сахнада атайын жалгыз сен үчүн ырдайм. Эмнени каалайсың? Итальян тилиндеби?

- Сенин репертуарыңдагы, Айа, көп ырларды. Итальянча, испанча - ал белгилүү да. Бирок билесиңби, абдан каалаганым эмне? Мен макоо эмесминби, Айа, көптөн бери - аял жөнүндө тымызын күнөөгө бата кыялданган кечил сыңары - сенин аткарууңда Кайып колукту ариясын угууну эңсеп келем.

- Кайып колукту ариясын? - деди ал таң кала. - Билесиңби, мен уламышты чала-була укканым бар, бирок опера үчүн музыка, либретто жана башка көп нерсе керек эмеспи... Сен чын эле аял жөнүндө кыялданган кечил өңдөнөсүң!

- Ооба, кыялданууда коркунучтуу эч нерсе жок, бирок мен кыялга жетеленип баратам...

Ошол көз ирмемде алар бул болочок Кайып колукту пьесасын коюнун - азырынча ой боюнча болсо да башталышы экенин аңдаштыбы же жокпу? Арсен Саманчин анын башында көптөн бери жетилип келген идеяны ага алгачкы ирет айтуу үчүн ушул эле учурду күтүп тургандай сезилди. Аларды тагдыр ошол саатта, ошол жерде ошон үчүн бириктирген чыгар?

* * *

Тагдыр туурасында кеп болуп калган соң, ошол тагдыр аруулаган саатта, көп өтпөй бул окуя жаатында башта эч кимдин оюна да келбеген коркунучтуу - киши өлтүрүү ою пайда болоорун, ал түпсүз түпкүрдүн кырында темселеп жүрөөрүн жана ошондо да ал оюнан кайтпасын, ойдогуну ишке ашыруу үчүн куралды кантип табууга болот? деген, башкалар үчүн эң жөнөкөй, жалгыз гана ал үчүн айласыз түйшүк күнү-түнү анын тынчын алаарын Арсен Саманчин кайдан билсин.

* * *

Дагы эле тагдыр тууралуу. Жаабарс ошол учурда Үзөңгүлөш ашуусунда мурдагыдай эле тагдырдан - мүмкүн ал ашууну ашып жана башы оогон жакка кетүүгө көмөктөшөөр деген үмүт менен күтүп жатты.

Эч ким - адам да, айбан да - алдыда эмне күтүп турганын билишкен эмес. Алардын тагдырларынын ортосунда эч кандай байланыштыруучу себептер, эч кандай дал келүүлөр болбогондой туюлду, бирок бири-бири тууралуу эч нерсе аңдабаган эки жанды, адам менен жырткычты бир тагдырдын көз алдында калууга түрткөн окуялар алардын жашоо шарапатында жетилип келе жатты. Бул жарыкчылыкта эмнелер гана болбойт.

Ошол түнү сүйүшкөндөр бири-бирине барган сайын берилип, бири-биринен көбүрөөк түшүнүү таап, ээн-эркин маектешип олтурушкан хайдельберг сейил багында пайда болгон уламыштагы Кайып колуктуга кайрадан жан киргизүү мүмкүн беле? Сүйүү сезимдери ачылып гүлдөп турганда сүйүү кайгысы болумуштун түпкү маңызына айланган жомоктогу адамдын жаңы түргө өтүшү мүмкүн беле? Айтмакчы, Арсен Саманчин мындай кайра жаралуу мүмкүн экенин, аны жандуу нерсе катары көрсөтүү мүмкүн экенин жокко чыгарган эмес - көп нерсе маанайдан, сүйүшкөн жандардын өз бактысын айланадагылар менен бөлүшүүгө даярдыгынан болот эмеспи.

Дал ушул нерсе Айасына Кайып колукту жөнүндөгү уламышты айтып берип жатканда Арсенди шыктандырып турду.

- Мен балачагымдан бери биздин Үзөңгүлөш тоолорубузда бүгүнкү күнгө чейин Кайып колукту кезип жүрөрүн билем жана ишенем. Ишенбейсиңби?

- Ишенем, ишенем! - жылмая, алаканын анын мойнуна тийгизип, жооп берди Айдана. - Мен сени угуп олтурганды абдан жакшы көрөм, сен мени эркелетип, сылап жаткандай болосуң. Карачы, Арсен, айлана кандай керемет. Түн, ай ушунчалык жарык, чырактар жомоктогудай жанат. Жана сен экөөбүз гана, башка эч ким жок. Алтурсун бактагы чымчыктар да сайрабай калышты. Уланта бер.

- Болуптур. Чымчыктар сайрашпасын, бирок кеп Кайып колукту жөнүндө болуп жатканда мен унчукпай коё албайм да. Каалагандай ойлоого болот - жомокпу бул же эмне, бирок мен үчүн бул жомок эмес, Айа! Кээде алыстан, тоолордон аны элес-булас көрүү мүмкүн, анан ал дароо көздөн кайым болот. Биз жакта ал жөнүндө көптөн бери уламыш айтылып келет, ал тоолорду кезип, жоголгон сүйгөнүн издеп, ал эми анын артынан - куугунчулар кууп жүрөөрүнө баары ишенишет. Анын болочок жары - жолдуу, жаш мерген дайынсыз жоголгон. Же душмандар үңкүргө катып коюшканбы, же тилден калтырышканбы - ким билсин? Мында адаттагыдай эле, ичи тардык, көрө албастык жана бийликке умтулуу таржымалы бар. Дайыма эле ушундай болуп келген.

Билесиңби, бизде тоодо мындай салт бар - жай сайын ай толгон түнү Кайып колуктунун кайгысын бөлүшкөндөр бийик тоого чогулушат да, ага алыстан көрүнө тургандай кылып, от жагышат. Бакшылар анын жана жоголгон күйөөнүн аттарын атап, добулбастарын ургулашат, бийлешет - аларды отко жакын келүүгө чакырышат. Аялдар оттун айланасында кошок кошуп ыйлашат. Анан ал көлөкөдө пайда болуп, жүгүнүп, кайра жок болот деп айтышат. Дагы бир жолу барга баралыбы? Бир аз виски ичесиңби?

- Биз ал жакка барганбыз да. Сен да кызып калдың. Кереги жок, Арсен. Биз бул жакка ошол үчүн гана келгенсип, мен ага, Кайып колуктуга абдан кайгырып жатам.

- Мүмкүн ошондойдур. Ошондуктан мен сага бул аңгемени айтып бергим келип турат. Кайып колукту үчүн отторду кытай тараптагы тоолордо да жагышат экен. Чек ара Үзөңгүлөш ашуусу аркылуу өтөт эмеспи жана тигил тарапта да бизге тууган кыргыз уруулары жашашат, бирок биз дээрлик катташпайбыз - ашуу аркылуу жол эгер ачылса, жайында гана ачылат. Мына ошентип, бир жыл мурда мен ал жакка журналисттик иштерим менен барып калдым. Үргөнч аркылуу учак менен андан ары машина менен бардым. Ар кандай жолугушуулар болду, гезит үчүн кызыктуу маалымат топтолду, бирок менин айтаарым ал туурасында эмес, мени таң калтырганы, тиги Кытай тараптагы тоолордо да жергиликтүү кыргыздар Кайып колукту жөнүндө билишет жана салттары да окшош - жайкысын ай толгондо от жагып, Кайып колуктуга жардамга арбактарды чакырышат экен. Бирок кытай кыргыздарынын бир кызыктуу айырмачылыгы бар. Алардын салты боюнча, оттун жанында эки сулуу кыз - Кайып колуктуга керек болуп калабы деп токулган атты даяр кармап турушат!

Ошол жерден Айдана тамашалады:

- Бул жерден да, Хайдельберг тоосунда Кайып колукту үчүн от жаксак кантет? Кана, Арсен, жагалы!

- Эмнеге болбосун? - деп күлдү Арсен Саманчин. - Бирок мурдараак ойлонуш керек эле да. Отун керек. Жана бакшыларды кайдан табабыз? Каалайсыңбы мен өзүм бакшы болоюн?

- Азыркыча кийинген бакшы! - деп жайдарылана күлдү Айдана. - Эң сонун! Сенден жакшы бакшы чыкмак. Бирок кел эмкиде жагалы. Антпесе шаар көчөлөрүнүн жогору жагындагы дөбөдө от жаксак - эл аралык чатак чыгышы мүмкүн.

- Сен туура айтасың! Бүт Европага атагыбыз чыгат. - Арсен Саманчин аны ийиндеринен кучактай, башын чайкап күлүп жатты. - Бул сейил бак кандай сонун! Мен сени тажатып жибербедимби, Айа?

- Жок, мен эс алып жатам жана Кайып колукту биз менен экенине бактылуумун!

- Рахмат. Анда, угуп тур. Биздин тоолордо өтө шамдагай жана күчтүү жаш мерген жашачу экен. Ал тоо эчкисин кубалап кармачу экен. Карышкыр менен илбирстердин терисин алчу экен. Эл аны абдан сыйлайт жана башчы, бий болот деп айтышат. Күндөрдүн биринде ал туугандары менен кошуна өрөөнгө барып, бир сулуу кызды көрүп калат. Алар бири-бирин сүйүп калышат да, жигит атына минип, тоолорду кезип, кызга күн сайын бара баштайт. Көп өтпөй бир көзү ачык аял кызга асманда өзгөчө жылдыз бар экенин айтат - алардын сүйүүсүнүн жылдызы, алардын үйлөнүү күнүндө көздү уялта жаркырап жанып, тоолордун үстүндө башка жылдыздардан ачык күйөт, булуттар эле жаап койбосо, ордунан жылбастан таң атканча жаркырайт дейт. Кыз мергенине бул жөнүндө айтканда, ал дагы бир көзү ачык аялдын анын тагдыры жөнүндө ачкан сырын айтып берет: "Мен бул дүйнөгө сага үйлөнүү үчүн гана жаралыптырмын". Ошентип болочок колукту мерген менен түбөлүккө болом деп убада берет.

Мына ошентип, мерген-күйөө колуктусунун туугандарына бүт урук-тууганын ээрчитип, куда түшүп келет. Ал болуп көрбөгөндөй чоң майрамга айланат. Коноктор тоо дарыясынын жээгине тигилген жүзгө жакын боз үйлөргө толо жайгаштырылат. Ал эми колуктунун ата-энесине, жээк-жаатына алар кандай гана белектерди алып келишти дейсиң! Ар кандай үйүр-үйүрү менен көп мал-жандык, алтын асыл таштар, ал эми мергенчи-күйөөнүн жеке өзүнөн - ар түркүн жырткычтын, кундуз менен суусардын терилери. Эң башкысы - болочок күйөө эки ийинине келишкен илбирс терилерин көтөрүп келди. Мындай терилерди чоң мергенчи гана ала алат. Ал бул тартууну жүгүнүп, кыздын, колуктусунун ата-энесине берди. Кубанычы толкуп-ташыган эл, кыз-күйөөнү алар алгачкы ант беришкен дарыянын жээгине коштоп келишти. Мындан ары дарыя алардын сүйүүсүнүн жана ынтымагынын күбөсү болуп калды. Үйлөнүү үлпөтү жети күндөн кийин тоонун ары жагындагы болочок күйөөнүн айылында өтөөрү белгиленди.

Куда түшүү салты боюнча таң аткыча майрамдап тойлошту. Бирок бул жерде да көрө албас, ичи тарлар табылды. Күйөө болчу жигит жолдуу жана аты чыккан мергенчи гана эмес, эл арасында акылдуу, эрктүү, эр жүрөк, жакында сөзсүз кудалашкан уруулардын жол башчысы - бүт аймактын бийи болот деген сөз алардын кыжырын келтирип, ичтерин күйгүздү. Бул көрө албастарга жага берген жок. Анан жаман жөрөлгөлүү арам ойго келишти.

Ачык, жекеме-жеке чыгып, жер үчүн, байлык үчүн эмес, бийлик үчүн да эмес - жан үчүн күрөшүү болсо эмне. Бирок адамдык кара өзгөйлүктүн чеги барбы?

Дүрбөлөң тымызын, жашыруун бышып жетилет, ошондуктан дүрбөлөң да. Дарыя боюндагы сайран курууда, ошол саатта, ошол күнү бирөөлөрдүн аркасына жашынып, сүйүшкөндөрдүн бактысына заарын чача, башка бир тагдыр - дал ушул тымызын дүрбөлөң баш көтөргөнүн ким билиптир. Кийин акындар ырдагандай: "Ал дүрбөлөңдү билсе - уяла жүзүн жашырып, асманда күн тутулмак. Булуттар муну билгенде - ал шаңдуу майрамды бул жерден оолак, таза талаага алып кетем деп, жамгырын төгүп жашымак".

- Ах, Арсен, кандай керемет!

- Акындар дагы кийин минтип ырдашкан: "Ал дүрбөлөңдү дарыя билсе - сүйүшкөндөр дарыяга ант берип, таазим этишкен - ал да нугун тескери бурмак". Түшүнсөң, жадагалса бейкапар жаратылыш да ойлонулган кыянаттыкка каршы чыкмак. Бирок дүйнөдө баары шайма-шай жүрүп турса, жашыруун кара ниет ойду ким болжоптур, күн тоолордун чокусунан мээрим төгө тийип турду, жамгыр алыстан сергек себелеп кыялай өттү, көк шибер таман алдында төшөлө жайкалып жатты, оттордон чыккан түтүн даамдуу тамак жытын таратып, конокторду чакырды, асманда чымчыктар топ-топ болуп, чурулдаша учуп жүрүштү... Ушулардын баары акындардын ырларында баяндалат! Шайыр үндөр менен жашоону толуктай, кудалашуу майрамдык шаңы дарыя жээгиндеги өрөөндө өтүп жатты. Өзгөчө жаштар ат оюндарында көңүл ачышып, бакшылар бүт дүйнө жүзүнөн арбактарды чакырып, алка-шалка түшө ак уруп жатышты, бирок үйлөнүү той алдындагы эң көңүлдүү оюн - "кыз куумай" салт боюнча ат менен жарышуу - сүйүшкөндөргө калтырылган эле.

Кыз-күйөө мыкты аттарга миништи - алар ат үстүндөгү оюнга чыгышмакчы, жигит белгилүү бир аралыкта ат чаап бара жаткан колуктусун кууп жетип, ат үстүндө аны өбүшү керек. Эгер жетишсе - демек, бакыт үзөңгүдө, демек, тагдыр таскакта...

Ээр үстүндө, дал ушул үчүн туулгандай болуп жарашыктуу олтурган колуктуну карап суктанбай коюуга мүмкүн эмес - бою да, сымбаттуу мүчөсү да, жүзү да, кийген кыз кийими да өзүнө жарашат. Келишимдүү болочок күйөө да ага төп келет. Алардын жалжылдаган, ат чабыш алдындагы толкунданган көз караштары, алардын бир аз уялыңкы жылмаюлары, чыдамсыздык менен ат чабыш кумарын күтүп жаткан элдин жүрөгүн элжиретти. Колуктуну курбулары кыйкыра сүрөштү: "Аянбай чап атты, жеткизбе! Эркектер бизди билип жүрүшсүн!" Күйөөнү да кыйкырык-сүрөөн коштоду: "Байка! Жетпей калсаң уят болосуң!" Ал эми бакшылар болсо элди да, аттарды да алга сүрөп, добулбастарды ургулап, алка- шалка түшүп бийлешти.

Мына аксакалдар белги беришти. Жарыш башталды. Колукту алдыда зымырап узап баратат, күйөө анын артынан. Алар жээгинде антташкан дарыяны көздөй чаап баратышты. Кууп жетүү кечмеликке чейин гана белгиленген. Болочок күйөө колуктусун кууп жетүүгө үлгүрбөсө, жалпы элдин күлкүсүнүн коштоосунда колукту өзү болочок жарына кайрылып келип, аны жеңүүчү катары өбөт.

Бирок адатта күйөө дайыма кууп жетет...

Колукту бул сыйкырдуу ат чабышты - өмүр бою ажырагыс болууну самаган сүйүктүү жарынан "качканын" өмүр бою эсине сактап калат. Болочок күйөө да урук-тууганынын кыйкырык-сүрөөнү астында аны кууп жеткенин эч качан унутпайт...

Бул жолу да ошондой болду: зымырык куш сымал колукту, ал эми күйөө анын артынан учуп баратты. Бет алдыдан соккон шамал экөөнү тең кучактап, учуп баратышкан жеринен өөп, алардын өмүрүндө бул кубалашуудан ашкан бакыт жок экенин, болбосун дагы шыбырап жатты.

Ах, кандай көңүлдүү, кумарлуу жана кубанычтуу! Алдыда жээк көрүнө баштады, алар дагы эле сызып кетип баратышат, аттар да жарышта кызый чуркап алышкан. Колукту күтүп жатты, сүйүү жана сүйүктүү болуу үчүн, бүт өмүрүн түбөлүккө кошууну каалаган адамы атын чаап келип качан жетет деп, абдан күтүп жатты! Аргасыздан ал атын бир аз жайлатып, ооздукту тарта, өтүктөрү менен үзөңгүнү күчтөнө тепти. Болочок жары тезирээк жетип алсынчы, антпесе дарыя көрүнүп калбадыбы... Мына келе жаткан аттын дүбүртү жана кошкуругу улам жакындоодо. Алар жанаша үзөңгүлөш ат чаап баратышканда көз алдыларында башта көрүнбөгөн жарык пайда болду. Аттиң, мындай көз ирмем түбөлүккө созулбаганы кандай өкүнүчтүү. Мына жигит колуктусун ат үстүндө кучактады, колукту да ага ыктады. Мына жигит аны өптү, анан алар дагы кайра-кайра өбүшүштү. Алар учуп баратышты, чабандестер түбөлүккө биригишкенин сезип-туюп жатышты. "Мен сени сүйөм! Сен меникисиң!" - деп кыйкырды мерген-күйөө. "Мен дайыма сени менен болом!" - деп жооп кыла кыйкырды колукту.

Эл болсо дуулдап, бир добуштан жигитти мактап жатты: "Азамат! Чыныгы жигит! Жол! Жол! Четке кач! Ал келе жатат! Эми ал биздики, ал биз менен, а биз аны менен!" Ушундай кыйкырыктар кудалашуу майрамын жыйынтыктады.

Бирок тымызын кара ниеттик да азайбады, айныбады, ичи тарлар ого бетер тиштерин кычыратышты. Дүрбөлөң дайыма жол табат...

Аңгыча куда түшкөн коноктор кош айтышып тойго даярдык көрүү максатында өз жерине кайтып келишти. Камылга да кечиктирилбестен башталды. Бардыгы өз ирети менен жүрүп жатты. Салт-санаалар, ырым-жырымдарга ылайык баары көрүнүктүү, башкалардан обочолонгон жерге жаңы баш кошкондор биринчи нике түнүн өткөрө турган үлпөт боз үйүн, ошондой эле кудалар жана туугандар үчүн конок тосуучу боз үйлөрдү тигүүдөн тартып, тартуулар менен тамак-ашты даярдоого чейин эске алынды. Акындардын айтышы, жаштардын ыр-бийлери - бардыгы ойдогудай даярдалды. Ал кезде ошондой болчу - үйлөнүү үлпөтү жалпы уруунун иши эле.

Мына ошентип үлпөт башталаарына жана коноктордун келээрине бир күн калды. Таң заардан мергенчи-күйөө эки бир тууганы менен сыйлуу коноктор үчүн жаңы илбээсин этин жана тартууга жырткычтардын терилерин алып келүүгө аттанды. Аңчылык да жолдуу болду. Бирок түшкө маал алыстан кыйкырыктар угулду - бул анын артынан чаап келген туугандары мергенчини издеп жүрүшкөн. Алар көп эле жана үрөйлөрү учкан. "Кырсык! Кырсык басты! Токто! Артка кайрыл!" - деп кыйкырышып, көкүрөктөрүн ургулап шумдуктуу кабарды: өткөн түнү анын колуктусу мурунку сүйгөнү менен качып кеткенин, эл аны көп калктуу, базарлуу шаарга алып кетишти деп ойлоп жатканын угузушту.

Ошондо эмне шумдук башталды дейсиң! Асман заматта түнөрүп караңгы боло түштү, катуу шамал көтөрүлүп жайдын күнү болсо да, кыштагыдай кардуу бороон урду. "Уят! - деп кыйкырышты туугандар, заманасы куурула жерге кулап, көккө жалынышып - Эмне үчүн, эмнебиз үчүн бизге мындай маскарачылык?! Аны өлтүргүлө, бетпакты таап, ошол жерден өлтүргүлө!" Дароо издөөгө да даяр турушту. Бирок мергенчи-күйөө унчукпады. Ал эч нерсеге түшүнбөй, өңү бузулуп, бир ордунда катып, тилден калгандай болду.

- Кандай азап! Кандай жаман! - деп шыбырады Айдана, чын дилден кайгырып.

- Мен да ошону айтып жатам! - деп коштоду Арсен Саманчин. - Ушунун баарын опера сахнасында элестетсең! Кандай музыка болушу мүмкүн, кандай сезимдер, кандай добуштар, кандай мизансценалар! Андан ары, Айа, мындан да кызыктуу окуялар болуп өтөт.

Куугунга шашылыш даярданган туугандары, атын камчылансын деп мергенди түрткүлөй башташканда, ал акыры оозун кыбыратты: "Токтогула, тынчтангыла! Мен эч жакка жылбайм! Эгер бул менин башыма түшкөн каргыш болсо, анда мен аны да, ал жүзүкараны каргадым! Бүт адамзат тукумун каргайм! Адам болгончо жырткыч болгон оң! Эми баарыңар жоголгула! Мындан ары мен бир да адам баласын көрбөйм жана мени да мындан ары бир да жан көрбөйт. Уктуңарбы? Көзүмө көрүнбөй жоголгула! Мени издебегиле!" Ушул сөздөрдү айтып, ал атынан секирип түштү да, тоону аралап жөө кетип калды. Мындайды күтпөгөн туугандары алгач дендароо болуп калышты, андан соң аны кууп жетүүгө шашылышты, бирок анын изи эчак сууган эле. Ошондон кийин аны эч ким көргөн жок.

Ушул эле жерден атайын театр үчүн бир өзгөчө драмалык көрүнүш: кайтып келе жаткан мергенчи-күйөөнүн туугандары капыстан пайда болгон колуктунун кыйкырыгын угушту. Эми ал болочок жарын чакырып, издеп чуркап жүрдү. Анын эч жакка качпаганын, бул жүзү кара, арам ушак экенин али эч ким билбейт. Чынында аны түн ичинде жашыруун уурдашкан, колдорун байлап, атка өңөрүшүп, алыс алып кетишкен. Бирок мергенчи-күйөөсү менен антташкан дарыянын жээгинен, эки жагынан кармап, кечмеликтен өткөрүү үчүн анын колдорун чечишет. Ошол жагдай аны сактап калат. Ал суурулуп чыгып, дарыяга бой таштады. Уурулар артынан түштү, бирок ал суунун шар агымында жок болуп кетти. Дарыя аны сактап калды да, ууруларды агымы менен ылдый агызып барып, таштарга урду. Аман калган колукту чымчыкка айланып, учуу кудуретине ээ болуп, көп өтпөй дайынсыз жоголгон болочок жары менен туугандары азыр эле коштошкон жерге учуп келди. Эми алар кызды кармап, эмне болгонун билүүгө далбас урушту, бирок ал дагы карматпады. Ал да көздөн кайым болду. Ошол мезгилден тартып Кайып колукту уламышы пайда болуп, тоолордо чыккан анын түбөлүк ыйы алыска-алыска угулуп турат. Айа, мен сага үнүмдүн жетишинче ырдап берейин. Уксаң, ал минтип чакырат:

Кайдасың айтчы, мергеним,

Жүрөгүм сүйгөн жан теңим.

Тагдыр буйруп табышсак,

Түбөлүк жарың мен сенин.

Кайдасың айтчы, кайдасың,

Көзүмдөн учат карааның.

Өзүңдү издеп үн салып,

Сабалап канат кагамын.

Тоолордон, аска зоолордон,

Түбөлүк түнөк таптыңбы?

Сүйүүнү, жашоо турмушту,

Тоолорго топтоп каттыңбы?

Артымдан түшкөн куугундан,

Арача кылчы барсыңбы?

Ушакка ууккан жүрөгүң,

Ташка айланып калдыбы?

Көрө албас ичи тарларың,

Күйүткө бизди салдыбы?

Үлпөт той күткөн күнүбүз,

Үрүл-бүрүл таң менен,

Үмүттү үзүп баттыбы?

Колу-бутум байланып,

Коюу түндө уурдалдым.

Дайрадан кечип өтөөрдө,

Боюмду сууга таштадым.

Биз экөөбүз антташкан,

Жээгинде бойлоп бир баскан,

Дайрабыз мени сактады,

Жаным бир кушка айланды.

Мен сендикмин деп күтүп,

Үмүтүм калбай үзүлүп.

Кыз аты бар өчпөгөн,

Колуктуңмун түбөлүк.

Дайранын суусун бир татып,

Ай бизге күбө нур чачып,

Токтобой дайра акканын,

Эстечи сүйүү анттарын.

Эсиңе түшсөм кайрылгын,

Үнүмдү коштоп үн салгын.

Асманда куштар сайраган,

Акындар төгүп ырдаган.

Эл журтубуз эркинче,

Той-тамаша курушкан.

Ошол таңда экөөбүз,

Актык үчүн антташтык.

Ошол күнү экөөбүз,

Ат жалында жарыштык.

Тоолор жылып бизге жолун ачсачы,

Булут тарап күн да нурун чачсачы.

Үңкүрлөр жарыктансачы,

Кайберен түшүп астыңа,

Текирең-таскак салсачы,

Жол көрсөтүп бассачы.

Өзүңдү көздөй шашылам,

Жете албайм дагы зарыгам.

Кайсы тоодо, кай зоодо,

Жүрөсүң жалгыз асыл жан?

Биз эмеспи ат үстүндө өбүшкөн,

Биз эмеспи ыйык сезим төгүшкөн.

Биз эмеспи бирге жанып, бир күйүп, Биз эмеспи кубанычты бөлүшкөн.

Кудай бизди көрсүн дедик,

Көкөлөдүк көңүл эргип.

Адамдар да көрсүн дедик,

Алардын да жүрөгүнө,

Жалындаган сүйүү бердик.

Күчүң дагы күлүктүгүң келген бап,

Аңчылыктан арыбастан олжо таап.

Илбээсин этин кудайларга тартуулап,

Илбирс тери кудаларга жабуулап.

Экөөбүзсүз күмөн асман жаркышы,

Экөөбүзгө кимдин тийди каргышы?

Экөөбүзсүз тоолор тоңот жай - кышы

Экөөбүзгө кимдин тийди каргышы?

Сенсиз мага асмандагы ай өчөт,

Сенсиз мага жашоо дагы тез өтөт.

Атагың улам алыстап,

Бараткан жолдо бакубат.

Колу ачык, жолу ачык мергеним,

Жүрөгүм сүйгөн жан теңим.

Эмнеден жаздың тагдырга,

Сен жаралып бактыма,

Турганмын балкып бактыга.

Кайдан чыкты каргаша?

От айланып ойнобой калабызбы?

Тоо койнунда экөөбүз адаштыкпы?

Издетип бирок таптырбас,

Тагдырдан ушул жазабы?

Экөөбүздү көрүштүрбөй акыры,

Тагдыр бизди бөлүп анан тынабы?

Артымдан түшкөн куугундан,

Арача кылчы, барсыңбы?

Кайдасың айтчы, кайдасың?

Сабалап канат кагамын.

Тайкы таалай арманым,

Кусадан жүрөк арылып

Көрүшөр бизге күн барбы?

Зарымды айтып тоо-ташка,

Муңумду айтып укпаска,

Келемин кезип дүйнөнү,

Келемин издеп өзүңдү.

Кайдасың айтчы, мергеним,

Жүрөгүм сүйгөн жан теңим.

Өх, дем алып алайынчы! - деди араң дем алып Арсен Саманчин. - Дем жетпей кетти. Бул кара сөз түрүндөгү ырды чуркап баратып, улам кайталап, кандай сезсең ошого жараша күчөтүп, көпкө чейин улантууга болот - бул ыйда жан дүйнө азап чегүүсү бардык убактарга жана бардык мейкиндиктерге кайрылат. Анын мазмуну - аргасыз ажыратылган сүйгөндөр тагдырынын түбөлүк кайгысында жана алар бири-бирин тапмайынча алардын кайгысынын чеги жок экенинде. Элестетип көрсөң, эч ким кайдыгер калбайт, аларга баарынын боору ооруйт, адамзат жан дүйнөсү ушундай жаралган. Муну театрда кандай укмуш көрсөтүүгө болот! Алтургай дарыя да сахнанын чети менен агып баратып ырдайт. Мындай нерсе опера искусствосунда али болгон эмес - жээгинде кудаланган колуктуну куткарган дарыя минтип ырдайт:

Мен дарыя тоодон ылдый агылам,

Агым менен мен өзүңдү куткарам.

Алып кетем душмандардан ичи арам,

Сактап калам, сенсиң менин канышам.

Жээктен ылдам мени көздөй бой ташта,

Сууга секир, ылдам секир, бол чамда,

Мен сени сактап калам агымымда...

Жаратылыш өзү акыйкаттыкты талап кылганын билдирип, сахна артындагы хор ушинтип ырдайт. Ушунун баары кубаттуу оркестрдик музыка менен коштолот, анын фонунда үн кубулжуйт, көкөлөйт, сенин, сенин гана үнүң - жана асман Кайып колуктуну угат, ай аны коштойт... Элестетип жатасыңбы бул эмне болот?

- Ооба, мен мындай аалам ыйын биринчи жолу угушум, - деп жооп берди Айдана. - Дарыя да ырдайт! Укмуш! Ырдап жаткан дарыя! Анан сен ушунун баарын, ар бир сөзүн эстеп жүрөсүңбү, Арсен?

- Мен балачагымдан Кайып колуктунун түнкү от жагууларында көп болгом да жана мунун баарын акындардын аткаруусунда уккам. Оо, мындай түндөрдө алар өз жомогун ойдон чыгарып, чыгармачыл төгүшөт! Ар бир акын өз алдынча Кайып колукту үчүн азап чегип, жан дүйнөсүн тоолорго чачат - Кайып колуктуну чакырат! Алар үчүн бул, сен үчүн сахнада жеке ыр аткаруунун эле өзү. Аларды бекеринен төкмө акын деп аташпайт да. Менден бир жолу "төкмө акын" орусча кантип которулат деп сурашкан. Төгүп жаткан акын-изливающийся бард - башкача атоого болбойт! Ал эми аларды, акындарды жанында кошо кайгырып жаткан угуучулар шыктандырат, анан ошондо акын өз сөзүндө бирде терең ойдун кудугуна түшүп, бирде шамал болуп ээн талаага сызып жөнөйт...

- Түшүнөм, түшүнөм, - деди Айдана макул боло. - Ошентсе да эл арасында эмне кеп бар, мерген-күйөө кайда кетиптир? Тирүү болду бекен, эмне үчүн үн катпайт - билсек болот эле?

- Бул да түбөлүктүү суроо. Анын кайда, эмне болгонун эч ким билбейт. Ошентсе да баары күтүп келишет. Адатта ал кол жеткис жайларда жашырынып жүрөт деп айтылат. Бүт дүйнөгө, тагдырына таарынган ал өзүнөн да баш тарткан. Ал кечил селсаяк болуп Тибетте, кечилдик үңкүрлөрдө жашайт, күнү-түнү медитация кылат деп божомолдошот. Ушинтип айтышат, бирок ким билсин, кызуу кандуулук менен ал кайда житип кетти? Ал тараптан бул бүтүндөй жаратылышка болгон кайрылуу, ал башкалар көп учурда баш ийген жамандыкты таптакыр кабыл алгысы келбейт. Орду толгус көңүл калуу. Алтурсун императорлор деле тарыхка көз чаптырсаң - империяларынан ажырап, мындай терең кайгыга чөгүшкөн эмес, жашоодон көңүлдөрү калган эмес, бирок ал үчүн, күйөө үчүн сүйүү - жашоонун эң жогорку маңызы болгон экен. Кыскасы, кеп ушу туурасында, анын жомоктук философиясы ушунда. Бирок бул аңгемедеги негизги каарман, албетте Кайып колукту, чындыкты издөөдөгү анын бүтпөс азаптуу эрдиги... Сүйүү үчүн жаза дайыма ушундай болобу? Күйөө бул дүйнөдөн түбөлүккө кечти, адамзаттын кара ниет иштери жана күнөөлөрүнө каршылык көрсөтө, өзүн-өзү четтетип кетти, ал эми колукту болсо адамзат тукуму үчүн түбөлүк кечирим сурап жүрөт, анын сүйүүсү менен кайгысынын тереңдиги ушунда. Мен дагы көбүрөөк айтаар элем, ал - ааламдык кыйналуунун азаптуу онтоосу. Эмне үчүн сүйүүдө дайыма өзөктү өрттөгөн кайгы гүлдөгөн бакытка караганда көбүрөөк?

Көңүл бурсаң, Кайып колуктунун учуп бараткан элесинде, бул насаат эпосунда адамдар дүйнөсүнүн ар дайым кастыгынан улам түбөлүк ажыроонун азабы жана курмандыкка чалынып жазалануу калбай келет. Жакшылык акыры жамандык үчүн жооп берет. Кайып колукту жек көрүү жана көрө албастык менен жасалган жамандыкка баш ийе албайт, ал мерген-күйөөсүн жалгыздыктан жашоого кайрып, сактап калгысы келет, анын бул турушунда, бул куткаруу далалатында, чындыкка умтулуусунда убакытта да, мейкиндикте да адамдык эрктин чеги жок. Адамзат тукумунда дайым ушундай болгон жана ушундай боло берет. Ошондуктан дарыя аман алып калган Кайып колукту бардык мезгилдерге шарттуу кейипкер болуп калган. Жана ушул саатта ал бул жерде, сейил бакта, биз менен, анткени биз ал жөнүндө ойлонуп, сүйлөшүп жатабыз да, ал муну туюп жатат. Бул фольклордук саякаттан ааламдык кусалык, сүйүү обонун угуп жатасыңбы?

- Ананчы! Сен бул туурасында мага бүтүндөй дарс окуп бербедиңби, ал да ааламдык, - суктана, бирок какшык аралаш айтты Айдана. - Оюңдун күлүктүгүнө таң калам! - деди ал, ачык ийиндерин ичиркене силкип. - Эсиңдеби, бир журналист айым сени "ааламдык глобалист" деп атаганы? Күлкүлүү: глобалист, болгондо да - ааламдык!

- Мейли, мен макоо болоюн, бирок сенин алдыңда такыр башка тапшырма турат - опера сахнасында Кайып колуктуга айлануу жана сенин ажайып үнүңдүн сыйкыры менен түз эле космоско көтөрүлүү!

- Ой, койсоңчу! Мына ушул олтургучтан - түз эле космоско! Демек, мен космостук жеке ырчы, ырчы-космонавт болот экенмин да? Сени менен адам зерикпейт!

- Эми кечир! Мен чынын айтып жатам! Кайып колукту өзү бул жерде биз менен, сейил багында, тигине чырактын түбүндөгү дарактын ары жагында турганын сезген жоксуңбу? Билесиңби ал эмне деп жатат?

- Эмне?

- Тыңшасаң! Ал: Силерге, сүйүшкөндөргө таазим этейин деп, мен жөнүндө эстешээр бекен деп ушул күндү канча күттүм эле дейт. Жыл артынан жылдар, кылым артынан кылымдар өттү, мен болсо дагы эле кудаланган колукту бойдон калам жана ошон үчүн мени билгендердин эсинде Кайып колукту аталам, ошон үчүн адамдар тоолорго кайгыда, кусада сандалып жүргөн мени күйүп жаткан оттун жарыгына келсин деп, экөөбүздү от жанында жолугушушсун деп, түнкү отторду жагышат, дагы канчага чейин Кайып колукту тоолорду кыдырып, өзүнүн мергенин чакыра берет жана качанга чейин боздогон үнү кудайга жетип, артынан куугундарды ээрчитет деп суроо үчүн бакшылар арбактарды чакырышат. Ал эми арбактар болсо дайыма бир жооп айтышат, ук, уксаң Айа, бул экөөбүзгө да тиешелүү - дүйнө Кайып колукту жөнүндө анын ыры аркылуу көп элдин алдында угат жана ал ырларда жер жүзүндөгү бардык колуктуларга кайрылат: өз болочок жарларыңарга менин ырымды туруктуу сүйүү жана берилгендик белеги иретинде ырдап бергиле! Ушул саатта арбактар сен экөөбүздү да угушсун, Айа! Алар Кайып колуктунун ырларын көп элдин алдында сенин аткарууңду күтүп жатышат. Алар дагы сага жогору жактан Кайып колуктунун элчиси болуу жана сен аркылуу кайра жаралуусу буйрулган дешүүдө! Асмандагы кудайлар менен арбактар сага ыраазы болушат жана эл сени урматтап, сенин ырыңа суктанышат, сенин үнүң космостон кубулжуп агылат...

- Ой, ой, ой! Кайда баратасың? - Айдана шылдыңдай сөздү бөлдү. - Космостук кыртыштарда көкөлөп жүрүү жетишет, акыл менен ой жүгүртүү керек.

- А сен шашылба, - өзүнүкүн коё бербеди Арсен Саманчин. - Акыл менен ойлонууга дайыма жетишебиз. А азыр тигине кара. Мага ишенбей жатасың карасаң, тиги чырактын жанындагы дарактын түбүн. Кайып колуктунун көлөкөсүн көрдүңбү? Карачы, ал ыраазы болуп, үмүттөнө жүгүнүп жатат. Түбөлүк жаш, а кандай сулуу - жука жибек көйнөкчөн, канатка окшоп желбиреген жоолугу менен.

Айдана макул болгондой башын ийкеди:

- Сен, Арсен, чын эле жеткен кыялкеч экенсиң. Бирок кыялданганда да чындыкка жакын болуш керек. Кайып колуктуну сахнада ырдоо үчүн музыка керек, ноталар жана партитура, оркестр, сценография, кийимдер, жүз үндүү хор керек... Мына сен айтып жатасың дарыя ырдайт деп, ал үчүн сахналык машинерия кайда? Акыры композитор, койгон режиссер кайда, жана эң негизгиси - биздин заманда мунун баарына кайдан каражат табабыз? Опера театры бизде гана эмес - бардык жерде начарлады. Мамлекеттин азырынча опера менен иши жок болуп жатат.

Арсен Саманчин макул болгонсуду, бирок дагы эле өзүнүкүн коё бербей:

- Ооба, мен билем опера театры азыркы учурда - ээн калган храм. Опера сахнасында эстрадалык азил-тамаша, маскарапоздор жана башка көңүл ачуулар өкүм сүрүүдө. Мыкты жеке ырчылар рыноктун чытырман токоюна тарап кетишкенин билем. Мунун баары ушундай. Заманбап композиторлордун дээрлик эч кимиси опера үчүн музыка жазбайт. Ошентсе да бийик искусство өлбөшү керек. Биз кантип буга бейкапар карап тура алабыз?

- Анан эмне кылганы жатасың?

- Эгер сен, Айа, Кайып колуктуну ырдоого макулдугуңду берсең, мен бульдозер сымал жол салам. Максатыма жетем. Композитор Аблаев менен макулдашылган. Ал күтүп жатат. Либреттону мен жазып атам. Ал баарыбыз чогулалы деди эле. Кайтып барганыбызда, мен ага телефон чалам...

- Болуптур, эми. Көрөбүз, көрөбүз... Адегенде либреттону жазчы, менин кымбаттуу либреттистим!

Байыркы Хайдельберг сейил багында түн ортосу болуп калды. Аллеядагы көчө чырактары астындагы көлөкөлөр эми таң аткыча кыймылсыз катып калышат. Арсен Саманчин Айдананы ээрчитип сепилге баштап баратты, алар ошол сөздү улантышты. Төшөктө жатып да ал жөнүндө шыбырашып атышты. Кийинки күнү эртең менен алар Москвага, андан ары өз мекенине учушмак.

Бул сыяктуу жолугушуу аларда кийин эч качан болгон жок. Бирок "Кайып колукту" идеясы, алардын жолугушуусун шыктандыруу үчүн жогору жактан жиберилгенсип, алардын аң-сезимин ушунчалык ээлеп алды, кээде - алар дүйнөнүн тиги бурчунда, немис романтизминин чордонуна ошон үчүн гана барып калгандай жана күнүмдүк түйшүктөн суурулуп чыгып, ага сыйкырланып калгандай болушту. Мүмкүн ошондуктан ошол романтикалык - көтөрүңкү жагдайда - бардык күнүмдүк нерсе унутулуп, бүт буга чейинки жашоо кыйынчылыктары, уруш-талаштары, ызы-чуусу, соттошуулары, жек көрүүлөрү, кек сактоолору менен... алыс калгандыр. Мунун баарынын бүт бойдон анын да, Айдананын да турмушуна тиешеси бар эле - анткени Айдана да мурунку турмушунан бактысын таба албады, бирок адатта артисттерде көп кездешкендей, тез эле ажырашты - баары кыска убакытка унутулду. Бул жерде, аларды тагдыр алып келген жүз жылдык Хайдельберг эс алуу багында алар таптаза жандар эле, ал - кудай, Айдана болсо - периште жана аларга өзүнүн арылгыс кайгысы менен Кайып колукту көрүндү...

Андан кийин баары башкача болуп чыга келди.

Демек, тагдыр эмес тура. Алгачкы убактарда жолугушуп жүрүшүп, "Кайып колукту" идеясы куру кыял экендигине карабай талкуулашып, телефон аркылуу байланышып турушканы менен, кийин баары токтоду - Айдана түз эфирде өзүн өлкөнүн бүтүндөй элине көрсөтө, "Лимузинге" түшүп кетип калды. Ал "Лимузиндин" жүк салгычында канчалаган акча жаткан! Бирок бул үчүн аны күнөөлөөнүн кажети барбы? Ким эле көбүрөөк акча таап, ага кошумча атагы чыкканын каалабасын - кыскасы, мындай шоу-ийгиликти кантип колдон чыгарсын! Эми ал аны менен, Эрташ Курчал менен келишим түзгөндүр. Кандай гана болбосун кылымдын келишими! Акысы бар. Ооба, акысы бар. А сенчи, сен эмне дейсиң, байлар менен күрөшчүл байкуш? Сенин жазмаларыңдан башка эмнең бар? Эмесе азыр басма сөз да байлардын колунда. Ушунчалык төмөн - көрө албастыкка барганы үчүн Арсен Саманчин өзүн тилдеди, жек көрдү, жапайы деп жекиди... Анан туңгуюкка барып такалды. Ошол жерден чекит коюу керек эле. Күч күчтү ийилтет, ошонусу менен күч болуп саналат деп кимдир бирөө айткан тура. Массалык маданият аны, идеалистти кайра тургус кылып басып таштады... Ал эми Эрташ Курчал таанылган кубаттуу кудай болуп чыга келди. Анын канчалаган ресторандары, эстрадалары, стадиондору, канча жарнак агенттиктери жана телеканалдары бар! Анан калса ушунун баары көрүнөө, мунун баарына ал мыйзамдуу түрдө ээлик кылат, ал массмаданияттын мухиттик толкунун толкутуп жана аны Арсен Саманчинди аны менен кошо "Кайып колуктуну" ишке ашпас кыялдардын чегине чыгарып салды...

Кечирээк дагы бир күтүүсүз, оор жүк кошулду - ошол каргыш тийген Эрташ Курчалды өлтүрүү ою жүрөктү өйүп, коркунучтуу түйшүккө айланды. Тымызын түтөп, өзөктү өрттөгөн, баш ийбес өч алуу сезиминен эми эч кайда качып кутулбайсың - өлтүрүү гана керек. Ойлордун баары ошого барып такалды. Толук кандуу эместигин сезгенден улам анда ушундай ыза пайда болгон жокпу? Ыза тамакты бууп, дем алдырбайт - кыскасы, өзүн-өзү капканга түрттү. Тагдырбы? Сүйүү эргүүсүндө жаралган ушундай бийик романтикалык ой ушундайча аяктайт деп ким болжоптур - киши өлтүрүүгө айныгыс, көктүк менен даяр болуу. Бирок ошондо да, түбүң түшкүр ошол күндөрү, акыры жан дүйнөсүнө жарык чачылып, Айдана Самарова да өзү менен чогуу тоого чыгып, от жагып, Кайып колуктунун алдында ишке ашпай калган хайдельбергдик кыялдар үчүн кечирим суроого, бугун чыгара ыйлоого көндүрүү тууралуу жаркын ой башына келе калып жатты...

Бирок аны менен ошол бойдон телефон аркылуу байланыша албады. Мүмкүн, дурус болгондур - анын шылдыңдап күлгөнүн элестетүү кыйын эмес. Таптакыр мээсинен айныган экен деп айтмак. Баары бир кыялдана берди, кокус күнөөсүн мойнуна алып кечирим суроо максатында тоолорго барып калышканда, тизе бүгө жыгылып анын көзүнчө асмандын өзүн күбө өтүүгө чакырмак - сүйүүнүн түбөлүктүүлүктүн белегинен баш тартууга эч кандай себептери жок жана болушу да мүмкүн эмес (кайрадан философияга кирип кетти), анткени сүйүү - бул сүйүшкөндөрдүн түбөлүктүүлүккө биргелешкен жолу жана сүйүүнүн сезим талаасын кыйратуу, түбөлүктүүлүккө кол салуу дегенди билдирет. Бул сүйүү деген өлбөстүккө умтулуу эмеспи, ошол кудай буйруган бул жолдо басуу ар бир адамдын маңдайына жазылган... (Болгону ким кандай кадам таштайт - кеп ошондо).

Бирок дагы эле, анын үстүнө канча какшык ыргытылат эле! Мунун баарынын кимге кереги бар! "Голливуддануу" жөнүндө кыялданып жүргөн жылдыз (жанагы Эрташ Курчал ал үчүн кинотасма тартууну ойлонуп жаткан имиш), өзүнүн башынан аягына чейин шоу-ишкердикке таандык убактысын текке кетирип, тоолордун бир жагында арбактарды, Кайып колуктуну күтмөк беле? Күлкү келерлик!

Ошентип, алдыда эч бир жарыкчылык көрүнбөйт.

Тагдыр ага муну "Евразия" ресторанында так жана даана түшүндүргөн. Ал анын акыркы жолу башы менен аласалып, тоңкочук ата көмөлөнүп түшкөнү эле... Эми жооп иретинде курал табуудан башка арга калган жок... Бирок кайдан жана кантип? Айла кетти! Эмне үчүн жашоо ушунчалык кыянаттык менен мындай жылчыксыз туңгуюкка камайт? Мындай болгон соң, жашоо-турмушту аёосуз кыйратып, урунуп-беринүүнүн эмне кереги бар? Эмне пайда? Өлүп баратып акыркы сөзүңдү айтуу гана калды!

Мына ушундай аягы жок ой толгоолорго жана өзү менен өзү күрөшүүгө толгон түндү өткөрдү Арсен Саманчин. Жапырт уктап жаткан беш кабат үйлөрдүн короосуна чыгуучу жалгыз жарык күйгөн терезенин түбүндө жалгыз туруп, ал ызадан буулукту, кайгырды, өзүн киши өлтүрүүгө жана аягында өз өмүрүн кыюуга барбоого, жер бетиндеги эң оор кылмыш жасабоого көндүрө албай, өзүн-өзү соттоп жатты. Бирок ичиндеги кайнаган өч алуу кегин баса албады. Ошентип чайнала берди...

Жаабарс да ал түнү тоодогу ашуу алдында чайналып жатты. Жалгыз жырткыч уктай албады. Өзүнүн толук жалгыздыгында ал да буулугуп, кайгырып жатты. Жылдыздарды карап, ачуулана улуду. Алар аябай жыбырап, жалпы жаркырап турушту. Мына ошол жакка кетип калса кана, жылдыздар бири-бирин жектеп куушпайт, жайдыр-кыштыр алар дайым бирге...

Ошол эле жылдыздарды ал учурда Арсен Саманчин да карап турган. Анын да жылдыздардын арасына баргысы жана эч нерсе жөнүндө ойлобогусу келди...

Ага карабастан ойлобой коё албады - кайдандыр бир тереңдиктен ой келди: агасына, Ардак Саманчинге кайрылса кантет? Ардактын соода жаатындагылар менен көбүрөөк тааныштыгы, байланыштары бар. Мурдагы врач-терапевт, азыр ал ит багуу менен алектенет, орто азиялык овчаркаларды көбөйтүп, аларды Европага, көбүн эсе Германияга соодалайт. Ал овчаркалар өтө чоң талапка ээ экен. Сатып алуучулар аябай көп. Иттерди алып чыгуу документтерин Ардак билгичтик менен өз убагында даярдай алат. Кыскасы, ошону менен оокат кылат, үй бүлөсүндө мектеп жашындагы үч баласы бар - кызы жана эки уулу. Аялы Гүлнара - мурдагы мээрман. Алар базарга ылайыкташа алышты. "Иттердин жардамы менен ык алышып баратам" дейт Ардак тамаша-чыны белгисиз. Шаардын четинде үйү, короо-жайы, иттер үчүн капастары бар... "Жигулиси" бар.

Ардак өзү ыймандуу, эмгекчил, көп окуган адам. Бир гана жери Туюк-Жардагы туугандары анын ишкердигин жактырышпай, нааразы болушат. Ал үчүн уялабыз дешет. Окуду-чокуду, догдурдун дипломуна ээ болду анан эми - ушу кантип болсун - бүт дүйнө жүзүнө ит сатып жүрөт. Өзгөчө алардын эжеси Кадича - алардан улуураак жана айылда жашайт, Ардактын иши жөнүндө кеп козголгондо аябай ызаланат. Ушунчалык жактырбаганынан Кадича оңтойсузданып, кызарып да кетет. Айылда ит сатуунун өзү көпчүлүктү таң калтырат: шумдугуң кур, тигине көчөдө, огороддо канчасы жүгүрүп жүрөт - каалашыңча кармап алып, кете бер. Жөн койсо, эми жакында мышыктарды, анан келемиштерди сата баштайбыз. Бирок Ардак туруштук берип келет, чынында айылга келбейт - тил угуп эмне кереги бар?

Ага карабастан, ыгы келгенде агасы катары Арсенге акыл айтып калат. Качанга чейин жер жүзүн кыдырып, бойдок бойдон жүрө бересиң? Эмнеге созосуң? Ылайыктуу аялдар шаарда да, айылда да толуп жатат. Эмнеси бар экен, ошондой болгон, турмуш кура алышпады, ажырашышты - эми өмүр бою аялсыз өтүү керекпи? Ооба, сенин ой жүгүртүүң башкача, тилдерди билесиң, таанымал, көз карандысыз журналистсиң - эми азыр бул модада - сени бардык жактарга конференцияларга чакырышат... Кыскасы, телегейиң тегиз. Бирок бойдоктук жалгыздыктын ордун эч нерсе толтура албайт, же бир кечил болбосоң.

Жок, Ардак аркылуу курал таба албайт го - сөзсүз эмнеге, эмне үчүн капыстан тапанчалуу болуу зарыл болуп калды деп суракка ала баштайт. Ал маңыз - догдурлардын баары эле маңыз болушат эмеспи, кээде ичкилик ууртап коймою бар... Жок, бир тууган агаң менен мындай кычыктуу маселе боюнча байланышпай эле койгон оң. Кокус билип калса - көгөрүп каршы чыгат...

Ошол түн ортосунан оогон маалда терезеден жылдыздарды карап туруп ал ушинтип ойлоду. Жайкысын дайыма алар көптөй көрүнө берет. Ушинтип эле жашай берсе кана "жаркырап жангандан башка иши жок"...

V



Эртең менен аны телефондун үнү ойготту. Ордунан туруп, телефонго жеткенче шыңгыры токтоп калабы деп үмүттөндү - уйкудан дароо ойгонгусу келбей турду. Бирок кимдир-бирөө өжөрлөнө чалды. Бир чети алаксый түштү - чачыранды ой-санаасы менен капкайда болуп, кайдагы бир элестүү түштөрдөн кийин чыныгы, күнүмдүк жашоого аралашып кетүү керек болчу, мына ошентип адегенде эле телефон чала башташты. Бул өз адамы экен - Бектур ага, раматылык атасынын бир тууган иниси. Ал тез-тез чалып турчу, кантсе да жакын тууганы эмеспи, бирок негизгиси - чыныгы ишкер адам (ушундайлар көбүрөөк болсо), төгүн жерден Туюк-Жар айылындагы колхоздо колхоздорду жалпы таратканга чейин башкарма болгон эмес да. Андан кийин да кол куушуруп олтуруп калбады. Биринчилерден болуп аңчылык ишкердигинин кирешелүү экенин түшүндү. Үзөңгүлөш тоолорунда аңчылык боюнча таанымал ишкер болуп калды - "Мерген" фирмасын түздү. Иши жүрүшүп кетти, ал эми акыркы убакта чет элдиктер суудай агылды, көп чет өлкөлүктөр "Мерген" фирмасы аркылуу аңчылык кылууга келе башташты. Чет өлкөлүк аңчыларды чакыруу жана башка иш кагаздарын даярдоодо агасына Арсен Саманчин да жардамдашчу.

Эгер таң заардан бул телефон чалуу болбогондо бул эрк менен аң-сезимдин арылгыс эзүүлөрү, бул жан дүйнөнү кыйноолор, ал үчүн эмнеге айланат эле ким билсин. Ушундай абалда туруп Арсен кандай гана сөз болбосун сүйлөшкүсү келген жок, трубкадан Бектур Саманчиндин тааныш үнү угулганда ал жолугушууда эмне жөнүндө сөз болоорун алдын-ала биле, алгач артка жылдырып, түштөн кийинки убакытка чейин калтыргысы келди. Баарынан мурда өзүнө келүүгө аракет кылып, өзү аныктагандай, жан дүйнөсүнүн жер титирегендей чайпалуусун токтотуу зарыл эле. Бирок биринчи эле саламдашуу, иш жөнүндө кеп баштоо алдындагы маанисиз ал-жай сурашуудан эле, Арсендин башына кантип курал таап, бул каргыш тийгир, аны кыйнаган маселени чечүүчү ой келди. Ал ошол замат жеңилдей да түштү. Андыктан кезектеги сүйлөшүүгө, көпкө созбостон даяр экенин билдирди жана өзү телефон чалбаганы үчүн: ушундай болуп калды, иштерден кол бошобой деп кечирим сурады.

Алардын сүйлөшүүсү албетте, Арсен ичинде сактап жүргөн жамандыкты жазалоо үчүн болсо да, коркунучтуу ойго эч кандай тиешеси жок болчу. Алар туугандар катары, көптөн бери алардын ортосундагы туруктуу темага айланган Бектурган Саманчиндин ишкердигинин өзөгүн түзгөн аңчылык иштери тууралуу маектешишти.

- Акыры алдыңбы деги? Уксаң, эки күндөн бери сени менен байланыша албай жатам, - деп Бектур ага аны жемелей кетти. (Аксакал Бектурган Саманчинге баары ызаат менен ушинтип кайрылыша турган). - Кайда жоголуп кеттиң, Арсен? Колтелефонуң да өчүрүлгөн.

- Бектур ага, сен шаардасыңбы?

- Ананчы, сени менен сүйлөшөйүн деп атайын келдим. Сен эмне араб коноктор үчүн илбирстерге аңчылык жөнүндө унуттуңбу? Өзүң баарын уюштурдуң эле го. Аларга сендей гана, баарын жүз пайызга билген котормочу керек. А сен создуктуруп жүрөсүң да жүрөсүң, эмнеге кармалып атасың? Эң көз карандысыз жана эркин эгемен эмес белең? Демек анда?.. Унуткан экенсиң да.

- Жок, Бектур ага! Эч унуткан жокмун.

- Анан эмне чоюп атасың? Мен сага ишенип жүрөм го. Убакыт аз эле - араб коноктордун келерине жети гана күн калды, а сенден дайын жок...

- Кам санаба, Бектур ага, мен бул жакта телеберүү үчүн чоң көрсөтүү даярдап жүрдүм. Чет өлкөлүк журналисттер келип кетишти. Бирок кабатыр болбо, мен баарын чечип койдум, өзүм араб коноктор менен - котормочу да, азыр аталып жүргөндөй, менеджер да болом. Дайыма алардын жанында жүрөм.

- Эгер андай болсо кудай жалгасын! Атаңдын бир тууган иниси менен иш жүргүзгөндө ошондой эле болуш керек. Анан кандай болмок эле. Башка аңчылар келип-кетип жатышат, бирок мындай араб коноктор биздин тоолордо биринчи жолу, өзүң түшүнөсүң, Алланын элчилериндей эле келишет. Ал эми убакыт болсо болгону жети күн калды. Дагы канча нерсени тоолордо, капчыгайларда даярдаш керек! Албетте, негизгиси, дал ушул учурда ак илбирстер ашуунун ары жагындагы жатактарынан биздин Үзөңгүлөшкө кайтып келген маал. Кыймылдаш керек.

- Мен түшүнүп турам, Бектур ага. Мен даярмын дедим го.

- Кел, анда жолугушалы, Арсен, баарын кеңешели. Андан тышкары дагы бир иш бар. Биз сага да кабатыр болуп жатабыз...

- Жолугушабыз, Бектур ага. Азыр саат тогуз болду. Кел, он бирге. Бирок кайдан?

- Сенин үйүңдөн жолугушалыбы?
- Болуптур, мен ага чейин чай даярдап коёюн.

- Мейли, Арсен. Бирок чай даярдап эмне кереги бар? Мен эмне чоочун, сыйлуу конок белем? Үйлөнгөн болсоң бир жөн эле. Туугандардын баары сен жөнүндө кабатырланып атышат, а сен болсо... Болуптур эми. Он бирде барам.

- Күтөм, Бектур ага, күтөм.

Трубканы коюп, Арсен жеңилдей түшүп, үшкүрүндү. Эки жагын каранды. Бектур Саманчиндин айдоочусуна телефон чалып, эскертти - жакшы жигит, агасын кычыраган жипке салып, ташып жүрөт. Аты Итибай. Кээде Арсен тамашалап калат: Итибай демек "ити бай киши". А эгер ити бай болсо демек, өзү да кур калбайт! Эх, байлык жөнүндөгү түбөлүк кыял, кандай гана көркөм сөздөрдү ойлоп табышпайт... Итибай менен чыгаарда телефон чалып кой деп макулдашты.



Ошол бойдон Арсен Саманчин бир аз тынчтана түштү, кайрадан ойлоно баштады. Ооба, сөзсүз, жакын тууганы Бектур Саманчиндин сунушун кабыл алыш керек, мындай сыйлуу мергенчи-конокторду тосууга жардамдашыш керек. Араб мунайзатынын байлары - Хасан менен Мисир. Алар бири бирине жээндер деп айтышат. Ат чабыш, алгыр куштарды жана кооптуу шарттардагы аңчылыкты сүйүүчүлөр. Эң негизгиси, ак илбирстерге (мындай келишкен жырткычтар дүйнө жүзүндө эч жерде жок да, андан да, Жакынкы Чыгышта, алар ал жактагыдай мээ кайнаткан аптапта жашай алышпайт, алардын мекени - жан сергиткен муздак жайкы жели жана кышкы аязы бар асман тиреген тоолор, мына ошондуктан алардын терилери ажайып кооз, ар бир талы алтынга арзыйт...) аңчылык кылууга камынып жатышкан ушул арабдардын айланасында көптөгөн адамдар болмокчу - кызматчылар, сакчылар, коштоочулар... Бардыгы аңчылык жана башка курал менен камсыз болушат. Демек, ал дагы туруктуу котормочу жана коштоочу катары куралданат - мүмкүн карабин алат, тапанча го сөзсүз. Ошол тапанчаны кийин ал өзүнө алып калат, бир шылтоо ойлоп табат. Эгер аңчылык ийгиликтүү өтсө, мүмкүн коноктор ага тапанча тартуулашат. Анан ошол тапанча менен аңчылык бүтөөр замат, ал тоодон бул быкылдаган шаарга келет да, ойлогондой кылып колдонот.

Агасынын телефон чалганы жакшы болду, анткени ал эсине келип, түшүндө да тынчын алган ойлордун кечээки түнүнөн кийин утурумдук жашоого кайтып келүүгө аргасыз болду. Эсин жыя, өзүн колго алып, Арсен Саманчин бул ой санааларга тыюу салгансыды, кара ниет планын артка жылдырып, өзү менен өзү тынчтык келишимин түздү. Ишке киришүү керек эле. "Болду жетишет! Арсен, эсиңе кел! - деп ичинен айтты өзүнө. - Азыр бул жөнүндө ойлонбош керек, сен акылдан адашкан жоксуң да, Арс!" Аны Айдана элжиреп кеткен учурда ушинтип, ал болсо аны - Айа деп атачу. Ал мүнөттөрдү эстегенде ал тим гана улутунгандан башка аргасы калбады. Ошондо Арсен өзүн жалбырактарын шамал учурган дарактай сезчү. Жан дүйнөсү жардылана түшчү...

Ооба, дароо иш менен алек болуу зарыл, качанга дейре өз жаныңды кыйнап, өзүңдү тирүүлөй көмө бермек элең? Иш чачтан көп. Компьютердин ичинде редакцияда чыдамсыздык менен күтүп жатышкан, башталган жана шашылышта аягына чыгарыла элек тексттер толо. Өзү күнөөлүү, күнүмдүк публицистикадан тартып, гидроэнергетикалык маселелерге чейин ар кайсы теманы баштап алат, башка ойлорду да ойлой берет. Натыйжада? Эч качан бүткөрүлбөгөн макалаларды топточу эмес. Бул баарынан мурда көз карандысыз журналисттин терисин жамынып жүргөнүнүн кесепети го. Эркиндик! Эч кимге отчёт бербейт, анын үстүнөн эч кандай тескөө жок. Каалаганымдай жашайм... Ушу кантип болсун?

Тепселенген идея жана өчүрүлгөн сүйүү үчүн жанын бекер кыйнай бербөө максатында, өзүн-өзү жемелеп, Арсен Саманчин ушинтип өзүн чыйралтып жатты. Каргыш тийген капитализм өзүнүкүн кылат тура! Ооба, өзүнүкүн кылат - эч нерсе жолтоо боло албайт, чамасы чак келбейт! Деги бул жерде капитализмдин кандай тиешеси бар? Тиешеси мына мында, идеяны товар сыңары сатып алууга, сатууга болгонунда, идеяга тыюу салса болот экен - акча болсо баары колдон келет. Сен болсо бул жагдайда чоочунсуң - сатып алынбайсың, сатылбайсың, сен - либералдык көчтөн адашып келип калгансың, эми көргүлүгүңдү көрө бер. Жалгыз өзүң баарына каршы туруп көр. Сен башыңдан айрыласың, ал эми тигилер болсо, кимден гана болбосун акча берип кутулуп кетишет. Баары бир урушкан соң уруш, башка аргаң жок. Бирок азыр эмес. Бардык нерсенин өзүнүн, мейли аз болсо да, жолу жана айла-амалы болуш керек. Бирок азырынча мунун баарын унутканың оң! - Бектур аганын келээрине бел байлап, анан баары башкача болот деп, өзүн ишендирип жатты. Күндүн талабында таптакыр башка маселе турат, алдыңкы планга жашоонун башка негизи чыгат. Сүйлөшүү чындап олуттуу болот, талкуулай турган иш бар.

Ошол эле учурда ушинтип өзүн тыюу менен Арсен Саманчин Кайып колуктунун алдында актанып, аны сооротуп жаткандай болду. Ал өзү эмес, өзүнүн эгизи сымал ага оюнда кайрылып, ал азыр эле Арсендин хрущевка үйүнүн жетинчи кабатынан кыйчылдаган эски лифттен чыгып, каалганын артында тыңшап тургансып, шыбырап жатты. Ал угузбастан кечирим сурай шыбырады: бир аз чыдап күтө тур. Кудай буйруса, бир нерсеге жетээрбиз. Ошондо мен силерди бириктирем, сени, Айдананы жана улуу, классикага ширелген музыканы! Айдана сахнада, а сен жанында сахна артында болосуң жана баарын өзүң угасың да көрөсүң. Чыдап гана тур. Анан да, ойлосоң, Айдана баш тарткан жок, бир кезде сени уурдагандай кылып, аны да уурдап кетишти, азыркыча - жолдон адаштырышты, азгырышты, бузушту, сатып алышты. Эгер илгерки заманда сулуу аялды атка өңөрүп ала качышса азыр аны бир кап доллардын үстүнө ыргытып ийишет, анан ал өзү шашыла, доллардык үйүрлөргө чаап жөнөйт, ал эми ал жакта жылкычылар миллионерлер жана ар бири өзүнүн доллардык үйүрүн ары-бери айдап, кайтарат. Мына ушинтип жашап келебиз. Башка жол жок, баарыбыз базарда түртүшөбүз. Буга эч ким күнөөлүү эмес, баарын базар экономикасы башкарат. Ошентсе да ойлонуп көрсөк, күнөөбүз бар. Кандай мажбурласа ошондой баш ийип жашаганыбыз үчүн күнөөлүбүз. Ой, мени эмнегедир социология менен саясаттын чытырман токоюна тартып кетти. Бирок сен буларды жүрөгүңө жакын алба, сага бул түйшүктөрдүн кереги жок. Мен жөн эле сөзгө аралжы болгон үчүн берилип кеттим. Кечир жана мага ишен, күт, кудай буйруса, дагы көрүшөбүз. Жок, токто, бир мүнөткө токтой тур. Дагы бир нерсе ичимден дайыма түпөйүл кылат. Астыртан ойлой берем, ал тиги жакта кантип жүрөт болду экен - чын эле ар кайсы жердеги жарнактарда көрсөтүлгөндөй бактылуу болду бекен, же ички дүйнөсүндө жашырынып алып, көз жашын төккөн, эмне кылаарын билбей өкүнгөн үңкүрү бар болду бекен? Өкүнүчтүү, жадагалса менден да качып жатса, ага кыйын эле болсо керек, бирок дүйнө башка болуп көрүнгөн биздин хайдельбергдик сейил багыбызды унута албайт го. Сен өзүң көрбөдүң беле аны, Кайып колукту, сен бизди көргөнсүң, мына эми экөөбүз эки жакка кеттик...

Ушул сыяктуу жымжырттыкка кайрылып, ал үнсүз шыбырап жатты, анан ошол замат өзүн колго алууга аракет кылып: "Эсиңе кел, эсиңе кел, өзүңдү-өзүң токтото албай, ээ-жаа бербес мүнөзүң дагы кайда алып баратат сени? Эмнеге кийлигишесиң? Ким менен кармашасың? Өзүң эле убараланып, өзүңчө бирдеме жазымыш болосуң, философторчо ой жүгүртөсүң, байларга колуңдун келишинче асыласың, алар болсо заманбап доллар-байлар, өздөрүнчө дүйнөлүк базарда көңүл ачып жатышат, бир ирет Ардак агаң тамашалай айткандай, "шапар тээп-параланышууда", сен алтургай бул айтылышты бир жерде колдонгонсуң, бирок алар аныңды байкашкан да эмес. Анткени сен алар үчүн эч ким эмессиң, базарда эч кандай салмакка ээ эмес бардык адамдар сыяктуу - санда жок, адашкан селсаяксың. Ооба, кээде, ошол долларбайларга Кудайдын өзү кызмат кылып, көзүн албай кайтарып жаткан өңдүү сезилет. Эмне экен? Эми кудай - ааламдык казыначы болду го. Токто, эмне деп келжиреп жатам. Жараткан, кечир мени пендеңди!"

... Ал үйүн жыйнаштырууга киришти. Бектур ага ишкер адам, бир нерсе туура эмес болсо бетке айткан күчтүү кожоюн. Ошондуктан колхозду иреттүү кармаган. Ар бирөөнү чала кылган жумушу үчүн тилдечү деп айтышат. - Эмне үчүн жолдун боюна кык төгүп жатасың? Тазала! Эмнеге жыйган чөбүң бир жагына ооп калган, өзүңө окшоп маспы? А сен эмне огородуңдагы арыкты сасык чочкоканага айлантып салгансың, тазалай албайсыңбы? Айылдаштарынан тыкандыкты талап кылчу жана аныкы туура болчу.

Бул жөнүндө эскере, Арсен Саманчин кире беришти чаң соргуч менен шаша-буша тазалап жиберди. Бөлмөнүн ар кайсы бурчунда чачылган, окулган жана окулбаган гезиттерди, жылмакай журналдарды иреттеди. Анан күзгүдөгү жана өзгөчө кылдаттык менен аярлап, ачык күрөң түстөгү жалтылдаган пианинонун үстүндөгү чаңды сүрттү. Пианино анын үйүндөгү эң баалуу, кооз буюм, анткени ал ар тараптуу музыкалык аспап жана анда Айдана өзү ойногон. Мындай окуя эки жолу болгон. Кечке чейин жана түн ортосунан оогончо ойногон.

Ал өзү чала билет, укканын ойнойт, ал эми Айдана болсо мыкты пианистка. Анын ойногонун угуунун өзү ырахат - алыскы Европанын жаңырыгы угулат. Арсен анын музыкалуу колдору менен жалжылдаган көздөрүнөн өзүнөн-өзү эле музыка чыгып жаткандай болот деп суктанаар эле. Арсен Саманчин чыдай албады, кусалыкка чөмүлдү, олтура калып, анын ошол кездеги ойногондорунан эстөөгө аракет жасады. Кайра капалана түштү. Эми ал бул жакка келбейт, пианинонун жанына олтурбайт... Анын чакан бөлмөсүндө пианинодон керебетке чейин - үч кадам жана ал жактын өзүнчө музыкасы бар... Анын жан дүйнөсү иш жүзүндө дал ошондой болсо да, аны чыккынчы деп атоого каршы чыкты, баарына карабастан Айдана Самарова - эч кимге баш ийбес тагдырдын курмандыгы болду деп ойлогусу келди.

Телефон шыңгырады. Бул Бектур аганын айдоочусу, Итибай болчу. Ал баратабыз деп кабарлады...

Тосуп чыгууга убакыт жетти. Арсен Саманчин бир нече мүнөттөн кийин, кийимин алмаштырып, галстугун тагынып, уруудагы улуу адамды ойдогудай тосуп алуу үчүн алдын ала утурлай короого чыкты. Илгери мындай конок келгенде, анын атын ооздугунан кармап, сый менен тосуп алышчу, өзүн болсо колдон алып аттан түшүрүшчу, атын жетелеп барып байлап, басмайылын бошотушчу. Андан соң - азыркы учурда келген коноктун машинесине май куйган сыяктуу - атка арпа жем беришкен...

Ошентип беш мүнөттөн кийин элестетилген ат жемин жегенче, кымбаттуу тууганы Бектур ага автомобилде, болгондо да кандай - келишкен жапон "Жибинде", күзгүдөй кара түстөгү, фараларынын айнектери чагылыша, алты жүз аттын күчүнө барабар кыймылдаткычы менен - алыстан короого кирип, кире беришке жакындады. Мына-мына, ушундай жол тандабас жиптер тоолордо көбүрөөк болсо кана. Бирок азырынча Бектурдун араб эмираттарынан алынган жиби бүткүл Туюк-Жар аймагы боюнча жалгыз, жөнөкөй машинелер - "жигули" менен "москвичтер" айылдарда саналуу гана, анан кантсин: эл жакыр, жадагалса анча-мынча колхоздук барчылыктан да куру калды. Жетекчилердин жетегинен чыга албаган заман болчу, ошентсе да... Эми болсо, ар ким колунан келишинче оокат кылып жатат десе да болот - ак эмгеги менен же уурулук менен да, жана алдыда дагы эле жарык көрүнбөйт. Ишкердик жаса дешет, ал кайда, ошол ишкердик - картөшкө каз, чөп жыйна, дагы эмне? Бирок эркиндик бар. Бирок эркиндик барчылыксыз кандай оор, болбогон иш. Азырынча айылдык маселелердин баарын өткөөл мезгилге шылташат, мына базарга аттап өтөлү - анан ары жөнөйбүз! Күт! Бир макоо болбогон нерсени ойлоп тааптыр: балдар да базардык болуп төрөлүш керек имиш! Андан ары кайда! Айылдыктар машине жөнүндө кеп кылмак тургай, орто кылымдагыдай болуп, эшек менен жүк ташыганга өтүштү. Дагы жакшы маршруткалар каттап турат. А жаштардын баары шаарга кетти жана ал жакта жумушсуз - сыгандардыкындай көр турмуш...

Бирок кээ бирөөлөргө ишкердик-замандын марттыгынан оошуп атат. Тоодогу капчыгайлардан алтургай жапайы балды чогултуп сата башташты, мурда мындай жок эле. Балды белек кылышчу, анткени бал таттуу, жаш-карыга ширин тамак эмеспи, соода-сатык кылчу нерсе эмес... Бирок бул жөн гана айтылган сөз.

Аңгыча Бектур ага жип менен келип калды. Мына олбурлуу киши деп ушуну айт. Бектур ага өзү аңчылык ишкердигин түзүп, жыл бою иш жүрүп тура тургандай кылып уюштурган. Мезгил-мезгили менен ар түрдүү жапайы жаныбарларга аңчылык кылынат - "Марко Поло" аталган тоо аркарлары да, мүйүздүү эчкилер да, аюулар да, алгыр куштар да, мына эми ак илбирстер да өзгөчө берене боюнча зор ишкердикке кирди. Азамат Бектур ага, сөз жок, эбин тапты, акылдуу киши...

Машине токтоду, Арсен жиптин салмактуу эшигин ачууга үлгүрдү жана жылмайган Бектур ага шамдагай колду кыса жерге түштү, андан соң ага-ини кучакташып көрүшүштү. Ооба, ал көрүнүктүү - келбети да, дене бою да, өзгөчө чоң сакалы - бакыйган адам. Анын уруусундагы бардык эркектер алибеттүү боло турган, Арсен дагы, бирок ал башкалардан айырмаланып сакал-мурут койгон жок.

Жакын туугандар катары алар дагы бир ирет төрт колдоп учурашышты, ар бири кол сунуп жана эки колду тең кысышат, бири-бирине жылуу жылмая баш ийкешти. Бектур ага биринчи булчуңдуу колун төшүнө алып:

- Кудайга шүгүр, аман-эсен! Качантан бери көрүшө элекпиз, Арсен, эки ай го, же андан көппү? - деди.

- Ооба, ага, менимче дээрлик үч ай болуп калды.

- Мына көрдүңбү! - коюу каштарын серпти Бектур ага. - Мен шаарга келип жаттым, бирок сен колго тийбейсиң да. Мейли эми биз менен узагыраак болосуң. Өзүң түшүнөсүң.

- Ооба, байке, албетте, түшүнөм. Көрүшө албаганыбыз, улам ар кайсы иш менен алаксып, алардан эч жакка кутулбайсың. Эми сүйлөшөбүз дагы. Негизгиси - жолуктук...

Албетте, ал Айдана менен эмне болуп жатканын, андан да, анын айынан ким менен тирешүүгө туура келгенин жана ким аны чындап кысып, сүйгөнүнөн түбөлүк алыстатууга, иши кылып коомдук жашоо чөйрөсүнөн кубалап чыгууга ниеттенгенин, жана да - анын тууганы, Арсен жооп иретинде эмне кылганы жатканын айткысы келген жок. Албетте, андай болбойт, кеп таптакыр башка, жалаң ишкердик туурасында болмокчу. Бектур ага ошон үчүн Туюк-Жар тоолорунан келген.

Алардын ачык маанайдагы, туугандык жылуу көрүшүүсүн ары-бери өткөн кошуналар жагымдуу жылмая карап жатышты. Ал жерден короодо айрык шым-майкечен чуркап жүргөн эки тестиер бала, бирөөсүнүн байлап ээрчитип алган ити бар, Бектурдун жибине суктана карап атышты. Короодо түрлүү көп машинелер турса да, бул жол тандабас аларга аябай жакты. Алар бири-бирин капталга түрткүлөй, өздөрүнчө шыбырашат, тестиерлер, албетте, мындай чоң машинеге түшүп, баары аларга суктана тургандай кылып, көчөлөрдөн өткүлөрү келип турду.

Мунун баарын кокустан жип тарапты карай калган Арсен байкаганда анын жан дүйнөсү эргип, көңүлү көтөрүлө түштү.

Мындай жагымдуу сезимдер кээде айланадагы жашоодон ак көңүлдүктү жана чын ыкласты көргөндө пайда боло калат. Силерге жакшы - баарыбызга жакшы! деп айткың келет. Жадагалса аба ырайы да ошол жайкы таңда кандайдыр бир ак көңүл жана кең пейил тартып, али ысый элек күн өз нурун бардык мейкиндикке чачып, жер бетинде жашаган бардык жандыктарды тирүүлүктүн көз ирмемдик бакытына балкыта адамдардын кубанычтарына ортоктош болгонсуду.

Дайыма ушундай болсо, тынчтыкта жана эриш-аркак дүйнөдө жашасак. Бирок булуттар арасынан бизди дайыма бир ачуулуу көз карап турат деп айтышат. Мейли карай берсин...

Ошол учурда алар ишти талкуулоого киришкенде да, Арсен Саманчинден бейпилдик менен ишенимдүүлүк сезими кеткен жок. Бектур ага абдан ишенимдүү, акыл калчай жөндүү сүйлөп жатты, анын турпатында мыкты чарбачылдык жөндөмдүүлүк бар эле - келтирген жүйөөлөрү менен макул болбой коюу мүмкүн эмес.

Ал алдын ала өзүнчө бөлүктө ак илбирстер жөнүндө айтылган, аларды атууга уруксат берилген, атүгүл кирешеден алынуучу салыктан бери камтылган аңчылык расмий уруксат кагаздарынан тартып, баарын ойлонуп, негиздеп пландаштырыптыр. Араб коноктор эчак эле бардык шарттар менен тааныштырылган. Алар менен келишимди англис тилинде түзүүгө өткөн жазда Арсен Саманчин өзү көмөктөшкөн. Ал жөнүндө бир аз унуткара түшкөн, мына эми чындап киришүү керек. Бектур Саманчинде англис тилин "толук билбөө маселеси" болгондуктан - жергиликтүү аймакта англис тилин үйрөнүү кимдин оюна келиптир - араб-мергенчилер менен баарлашуу милдети Арсенге жүктөлгөн.

Адептүүлүк жагынан алганда жана Бектур Саманчиндин жеке өзүнүн иштиктүү ой жүгүртүүсү боюнча анын жана араб конокторунун ортосундагы ортомчулук сыяктуу өтө татаал жана кылдат ишке сөзсүз Арсен гана туура келет, башка эч ким. Анткени мындай деңгээлдеги төбөлдөргө жөн гана тилмеч эмес, иш билги, билимдүү жана кызыктуу маектеш керек.

- Андыктан, ардактуу Арсен, сага ата-бабаларыбыздын батасы тийсин, сен дал ошол бул иште өзүң түшүнөсүң, бизге жардамдаша турган тилмеч, абройлуу адам - бейиши болгур менин раматылык улуу агамдын уулусуң, - деп көндүрүп жатты Бектур ага, - бир-эки жума биз менен бол, эмне болмок элең? Сен эч кимге көз каранды эмес журналистсиң да - каалаган жагыма учам - ушундайбы? Эсиңде болсун араб коноктордун биринчи элчилери беш күндөн кийин келет, үч адамдан турган даярдоочу топ. Ал эми коноктор өздөрүнүн учагы менен Олуя-Ата аиропортуна келип конушат.

- Аэропорт, ага, аиропорт эмес, - деп оңдоду Арсен. Бирок тиги кебелбеди:

- А мен "аиропорт" эле дейм, бизде ушинтип айтышат. Ошентип, бизге эң жакын аиропорт - Олуя-Атаныкы. Сен баарын билесиң, өзүң келишим түзүшпөдүң беле. Мына эми убакыт келди - иштеш керек. Араб конокторду аиропорттон чогуу тосуп алабыз, тоого да чогуу алып кетебиз. Ал жакта бизде баарысы даяр, ал жөнүндө кам санаба. Мен мурунку колхоздун кеңсесин сатып алгам, ал жакта коноктор үчүн эки бөлмө даярдадык, эми шаардагыдай эмес, ошентсе да... Так Үзөңгүлөш ашуусунун астына ууга чыгарабыз, керек болсо, ашуудан ары, ары жагы - Кытай. Бардык жалгыз аяк жолдорду билебиз. Ал жакка, албетте, альпинисттер эле чыккандыр, бирок бул ханзаада-аң сүйүүчүлөр көрүшсүн, биздин илбирстерге аңчылык кылышсын, албетте, бекер эмес. Билесиң да, илбирстер үчүн жакшы акча болот, кудай буйруса. Бардыгы өз үлүштөрүн алышат.

Дагы көп майда-барат иштер жөнүндө сүйлөшүштү. Чынында Бектур Саманчиндики бардыгы ойлонулуп, кылдаттык менен аткарылган - бүктөмө чатырлар менен мине турган аттардан баштап, ат багуучулар тизмесине чейин түзүлгөн. Анын өзүнө белгилүү жана электен өткөн, ишенимдүү адамдарга гана сыйлуу коноктордун аттарын кароо тапшырылган. Ал эми курал жагын алсак, жарык берүүчү жана оптикалык байкоо жүргүзүүчү шаймандар, андан бетер, токтомдогудай баары жазылган. Арсен Саманчин ичинен суктанып, алтурсун өз тууганы менен сыймыктанды жана ишкердик өтө зор уюштургуч күчкө ээ экенине, ойлонуп, иштиктүү иш жүргүзүүгө үйрөтөрүнө дагы бир ирет көзү жетти. Ишкердик адамдан тырышып иштөөнү талап кылат.

Мына ушинтип Туюк-Жардык аңчылык ишкердик-долбоору пландаштырылып жатты. Бул жөнүндө ак мөңгүлүү тоолордогу ак илбирстер өзүлөрү билсе кана... Алардын арасындагы эң алсызы, дагы эле сыйкырланып калгандай болуп Үзөңгүлөш ашуусунун алдында буйдалып жүргөн Жаабарс билсе эмне...

Арсен Саманчин болсо, албетте, бул аңчылык кандай уюштурулганын, өзгөчө Бектур Саманчин менен жолугушкандан кийин майда-чүйдөсүнө чейин билди, бирок ал дагы бул жолдо аны эмне күтүп турганын билбейт. Эми артка кайрылсак, бул алдыда боло турган окуялардан бир аз мурдараак, ал эмнегедир күндөлүгүнө: "Көрүнбөс эшиктер же үмүтсүздүктүн формуласы" деген тема коюп жазганы көзү ачыктык катары көрүнүшү мүмкүн. Ошол алдын-ала сезгичтиги менен ал минтип жазган: "Тагдырдын ар бир буйругунун алдын-ала даярдалган, алдын-ала бир аз ачылган көрүнбөс эшиги бар, жана ал эшиктин босогосун аттоо кимдин маңдайына жазылган болсо, бул жөнүндө ал тиги дүйнөнүн туткуну болгондо гана билет. Туулган адам баласы энесинин жатынына кайра кире албаганы сыңары, опурталдуу кадам жасагандардын эч кимисине артка карай жол жок. Ушинтип тагдырдын буйругу орундалат. Үмүтсүздүктүн формуласы ушундай. Кирүү гана бар, чыгуу - жок".

Бул кол жазма улантылып, Арсен Саманчиндин калеми астында кайгылуу эссеге айланмак, бирок бир гана шартта: эгер баары башкача болгондо...

Аңгыча эртең мененки серүүндүк аз-аздан түшкү аптап менен алмашты. Бул үйлөрдө да байкалды. Бир мүнөткө сөздү бөлүп, Арсен Саманчин ачык терезени жапты да, шкафтын үстүндө, жогору жакта жайгаштырылган чакан желдеткичти иштетти. Көп кабаттуу үйлөрдө ысыкка чыдоо кыйыныраак, желдеткич жанды алып калат. Бирок Бектур ага терезени ачып кой деди. Тоолордогу таза абага көнүп калган да. Меймандын сөзүн эки кылууга болбойт... Терезенин ачык калганы, дагы бир окуяга себеп болду. Бирок бул тууралуу ким билиптир...

Туугандар кайрадан эки сааттан ашык созулган сүйлөшүүгө киришишти. Бул убакыттын ичинде айдоочу Итибай, ак көңүл, эмгекчил жигит, чай ичүүгө үлгүрдү жана эң негизгиси - жипти айдап барып май куйду, жуудурду, анан дагы базардан жер-жемиш алып келди. Алар эми, туугандык менен бардык жерде кездешүүчү ишкердик менен байланышкандар, дагы эле чоң аңчылыкты талкуулап жатышты. Баса, ишкердик тууралуу. Тоолуктар дүйнө кыдырып жүргөн соодагерлердин айтып бергендерине эч түшүнө алышпайт, көрсө, аларды аябай таң калтырганы, гүлдөрдү сатууга жана сатып алууга болот турбайбы! Мындай нерсе кимдин оюна келиптир, гүлдөр өзүнөн-өзү эле өсүп жатпайбы, ары-бери атчан кетип баратып суктанууга болот, балдарга үзүп алууга болот, бирок гүлдү сатуу такыр эле күлкүлүү иш. Саманчиндер талкуулап жаткан иш болсо өз алдынча жашаган тоо жырткычтары - ак илбирстерге тиешелүү болчу, демек, аларга да базардын укуругу жеткен экен да. Кагазга аңчылыкты уюштуруунун планын чиймелеп олтурган улуу тууганын угуп олтурган Арсенге кээде анын ойлоп чыкканынын баарысы театрдагыдай сезилди, болгону койгон режиссеру мурунку колхоздун башкармасы, негизи чын эле башы иштеген киши. Анын сунуштаган ыкмалары, кадимки драматургиялык сюжеттерди элестетет. Мисалы, Бектур Саманчин жырткычтардын эң баалууларын чет өлкөлүктөр таамай аткыдай кылып, буктурмага камоонун амалдуу ыкмасын ойлоп тапкан. Жакында аны ар бир ийне-жибине чейин араб конокторго түшүндүрө турган болгондуктан, укмуштуу тоо аңчылыгы тууралуу ойду угуп жана талдап жатып, Арсен Саманчин алдыда боло турган алаамат жөнүндө азыр эч нерсе билбей өздөрүнүн Теңир-Тоосунда жүргөн илбирстерди айласыз аяп кетти. Ошондо ал азыр алыскы бир шаарда эл толо быкылдаган мегаполисте, кейпи кеткен хрущевканын жетинчи кабатында эки эргул олтуруп алып, кудайлар сыңары, алардын тагдырын күн мурунтан, күнүнө, саатына чейин даана чечип жатышканын бул жырткычтар билишкенде - кеч боло электе, кайдадыр бир жакка, Гималайга качып баратышканын элестетти.

Ой - эркин куш, бирде уясына, бирде космоско учат. Мына кайрадан маанисиз, бирок маңызы боюнча айкөл ой келди: тоодогу илбирстерге бул жөнүндө кантип билдирсе болот? Бирок бул жаатында анын мээсинде ой пайда болгон күндө да, мындай келжиректикти ойлонуп кереги жок. Андай болсо ишкердикти кандай кыласың? Мейли өз кыялдарыңда гана болсун, кайдагы бир жапайы жырткычтарды сактайм деп ишкердикти курутасыңбы? Мындай нерсе чын эле болсо, дүйнө ордунда тура алат беле? Баары баш аламан болуп адам баласы өзүн-өзү жок кылуу менен күнү бүтмөк. Андыктан жок жана жок - ишкердик гана биринчи орунда, калганы кийин жана "кийинден соң". Ушу сыяктуу бир нерсе деп оозуңду ачып көрчү - андан көрө асынып өлгөнүң оң!.. Улам барган сайын насаатчыл болуп бараткан Бектур аганын сөзүн угуп олтурган маалда, Арсен Саманчиндин оюнда эмес, аң-сезиминде ушулар пайда болду, мүмкүн аны жазалоо үчүндүр, алдыда боло турган сыйлуу коноктор менен иштөөсү үчүн ишкердик-аңчылык "Мерген" фирмасынын жетекчисинин көрсөтмөлөрүн кол дептерине англисче тыкан жазып жатты.

Бектур Саманчин болсо ал учурда Арсен Саманчиндин ички дүйнөсүндө эмне болуп жатканын, алар туурасында ооз ачпаган, кандай ойлор кайдан экенин белгисиз аны каптап жатканын сезген да жок.

Жалпы иштерди туура талкуулап жаткан адам менен ошол эле учурда чындыкка коошпогон, эч кандай түшүндүрүлгүс бир нерсе болуп жатканы кимдин оюна келиптир. Тоонун аркы бетинен соккон шамал, берки бетиндеги талдын башын дайыма эле кыймылдата бербейт.

Өтө ишенимдүү, ынтаасын коё, ары туугандарча, ары чын ыкласы менен Бектур Саманчин өз кебин андан ары улантты. Ал кагазга пландарды жана схемаларды чийип, тоодогу, капчыгайлардагы жырткычтарга тузактар коюла турган жерлерди белгиледи. Жырткычтарды буктурмага камоо максатында аймакты бир маалда үч-төрт тарабынан курчап, анан жырткычтарды керектүү багытта качууга аргасыз кылуу үчүн чогуу коркута турган добуштарды чыгарып, алдыга жөнөө керек. Албетте, ойлогондой болбой калышы мүмкүн. Бирок кандай гана болбосун, баары бир, жок дегенде беш-алты күлүк атчан айдоочтор жырткычтардын артынан түшүп, ылайыктуу учурда аларды курчап калууга үлгүрүшү керек. Келген мергендердин олжолуу болушу - кожоюндар үчүн андан да чоң олжо: үлүш боюнча бардыгына таратыла турган акча... Аңчылык ийгиликтүү өтүшү үчүн баары аракеттенери белгилүү иш...

Бектур Саманчин мындай жоопкерчиликтүү ишти өзүнүн көзөмөлү алдында тапшырган айылдаштарынын аттарын атады. Анын айтуусу боюнча, алар эчак даярданышкан, ошол атчан айдоочтор аттарды машыктырып, курал-жарак жана добулбастарды камдашкан...

Ошентип алар шашпай чай ичип, аңчылык жөнүндө гана эмес, дагы башка тиричилик маселелерин талкуулап олтурушту - туулган аймакта ар кандай түйшүк арбын. Анын үстүнө, маектешип олтурушканда күлкүлүү жана таң калыштуу окуя болуп өттү.

Жайкысын короолордо, үйлөрдүн айланасында көптөгөн көгүчкөн, чабалекейлер сабалап учуп жүрүшөт эмеспи, алар көп кабаттуу үйлөрдүн терезесинин алдына же чатырларына уя салышат. Эч ким аларга көңүл бурбайт: көгүчкөндөр го жашоочуларды сонуркатат, ал эми чабалекейлерге эч ким кызыкпайт, өз алдынча жашай беришет. Топтошуп же бир-бирден учушат, жетилген, темир канат балапандарын уядан чыгарып, учууга үйрөтүшөт. Анысына да мейли, чабалекейлер абдан ак көңүл, абдан сүйкүмдүү, абдан кылдат чымчыктар, уятсыз таранчылардай эмес... Дал ошолор менен кызык, же мүмкүн андан да олуттуураак бир окуя болду...

Ага-ини Саманчиндер бейкапар баягы эле сөздөрдү сүйлөшүп, дасторкон четинде олтурушканда, ачык терезеден капыстан эки чабалекей учуп киришти - сыягы, түгөйлөр болсо керек. Эгер кокустан бөлмөгө кирип алган болсо, ошол эле терезе аркылуу дароо артка чыгып кетишмек. Бирок бул чыйпылдаган чымчыктардын учуп кетели деген ниети да жок болчу, тескерисинче, шыптын астында ылдам канаттарын күүлөп, үндөрүн баспай, чыйпылдашып, ары-бери айланып учушту.

- Ой, карасаң, чабалекейлер кайдан бул жерде? - деп таңыркады Бектур ага, алтургай ордунан да тура калды. - Ушинтип короодон учуп кире беришеби?

- Жок, биринчи ирет. Эч учуп киришчү эмес. Алар толтура бул жерде, тышта ары-бери учуп жүрүшөт. Чатырдын бир жеринде уялары бар, - деп түшүндүрө баштады Арсен Саманчин.

- Мүмкүн бир нерседен коркушкандыр. Терезени чоңураак ач, чыгып кетишсин.

Арсен терезени кенен ачты, бирок чабалекейлер чыйпылдашып, кичине көздөрүн жылтырата, алардын төбөлөрүндө айлана беришти. Бир нерсеге тынчы кеткендей түрү бар. Адамдарга жакындык издөөгө алда неме мажбурлап жатты, бул туракка алар бир нерсе жөнүндө кабарлаш үчүн же кимдир бирөөнү акылга чакыруу үчүн келгендей сезилди... Арсенге ушундай туюлду жана күлкүсү да келди. Улуу Саманчин болсо олтургучтун жөлөнгүчүндө илинип турган сүлгүнү алып, чабалекейлерди терезеге кубалай баштады. Чабалекейлер буйтап учуп чыгышты да, жоголуп кетишти...

- Мына сага тамаша, - деди Бектур ага башын чайкап. - Бул жерде аларга эмне керек болду? Мейли, уча беришсин. Дагы иштей түшүш керек, убакыт аз калды. Кел, чечишели сен качан келесиң, жердеш-айдоочтор менен качан кездешебиз? Анын үстүнө экөөбүз келишим түзүшүбүз керек да!

- Экөөбүздүн ортобузда келишимдин эмне кереги бар? Кажети деле жок.

- Жо-жок, азыркы учурга ылайык ошондой болгону оң. Ишкердиктин өзөгүн келишимдер түзөт.

Арсен Саманчин баш тартып - эмне кереги бар, ага, мен сага өз атама ишенгендей эле ишенем деп айтайын деди, бирок ооз ачууга да үлгүргөн жок, чабалекейлер кайра учуп кирип келишти да, кайрадан шыптын астында тез айланып уча башташты.

- Ха, - деди таң калган Бектур ага, - кайтып келишти! Бул эмнеси?

Ооба, алар бир нерсени аягына чейин айткылары же уккулары келгенсип же алардын тынчын алган бир нерсени билүү үчүн кайтып келишкендей - ушинтип ойлоду Арсен ошол учурда, жана бул таң калаарлык тынчы кеткен чабалекейлерди карап, аларды улам-улам уга берүүгө даяр эле, бирок Бектур ага аларды кууп чыгып, терезени жаап кой деп суранды. Сүлгүнү ары-бери булгалап, терезенин кашектерин бекем жабууга туура келди. Арсен аны менен бирге желдеткичти болушунча иштетип койду. Бектур ага ысыктан кыйналбасын деди.

Бирок бир мүнөт да өтө электе, чабалекейлер терезенин ары жагында кайра пайда болушту, алар абада калкып, айнекке жабыша калышты да, өжөрлөнө адамдарга бир нерсени жеткирүүгө тырыша же өзүлөрүнүн таң калыштуу кыймылдары менен бир нерсе тууралуу эскертүүгө, аларды угуп коюуларын талап кыла жанталашып, чыйпылдай беришти.

Бектур ага ийиндерин куушуруп, кобуранып жиберди:

- Бул эмнеге болду экен? Жакшылыккабы же жамандыккабы? Мейли алаксыбайлы. Терезе жапкычтарды тартып салсаңчы, ошондо тынчтанышаар.

Терезе жапкычтарын тыкыс тартып салууга туура келди.

Туугандар көпкө олтурушту, маанилүү жана анчейин иштерди кеңешишти, бирок Арсен өзүнчө таңыркап, табышмактуу чабалекейлерден жашырынып алууга мажбур болгонуна өкүнө берди. Бул канаттуулардын мындай жоругу жөнүндө буга чейин уккан эмес...

Өзүнүн жакын туугандык пикирин шашпай, жайбаракат айтуусуна шарт түзгөн маектешүүгө абдан ичи жылыган Бектур ага инисинин бойдоктук турмушун да козгой кеткенде дагы, Арсен чабалекейлер жөнүндө ойлонуп олтурду.

- Сеники баары жайында, Арсен, - деди инисинин көздөрүнө тике карап. - Рахмат. Болгону чайың бойдоктуку, таарынба. Кеп албетте чайда эмес дечи, бирок дагы канча созосуң? Убакыт жетти, башкалар тигине беш-алты сыйра үйлөнгөнгө үлгүрүшөт экен, анан да сыналгыдан мактанып айтышканын кантесиң, а сен бир жолу мүдүрүлдүң да, такыр тура албай жатасың. Жок, мындай жарабайт, Арсен. Сен али жашсың, акылдуусуң, раматылык атаң сени менен сыймыктанмак, эми бай эмессиң, бирок кедей да эмессиң. Туугандардын баары үйлөнүү үлпөтүңдү күтүп жүрүшөт. А мен даярмын, менин бир үйүр жылкым бар, кудаларга калыңга берем, кааласаң шаарга айдап келем. Күлбө. Жакшы аялдар шаарда да, айылда да толтура. Убакыт өтүп жатат... Өзүң деле баарын балакеттей түшүнөсүң.

Арсен жылмайды, макул боло башын ийкеп сөздү башкага бурууга аракеттенди, капысынан Бектур Саманчин:

- Уксаң, Арсен, мүмкүн тиги чабалекейлер бул жерде ары-бери бекеринен учпагандыр? Алар да сенин жубайыңды көргүлөрү келгендир, ал болсо үйдө жок! - деп өз тамашасына каткырды. Бирок Арсен чын дилден жооп берди:

- Ошондой болсо кана.

Андан кийин да короодо Бектурду узатып турганда, ичинен кайталап жатты: "Ошондой болсо кана". Бектур Саманчин болсо башка нерселер, турмушта болуп жаткандар тууралуу ойлонду. Өзүнүн келишкен, жуулгандан кийин болушунча жалтылдаган жибинин жанында, чаң болуп турган Арсендин "Нивасын" көрүп мындай деди:

- Укчу, Арсен, эгер баары ойлогондой, ийгиликтүү өтсө, сен өзүңө ушундай жип алып алсаң болот да. "Ниваны" айдадың жетишет - советтик доордон мураска калган, жаман машине эмес, бирок азыркы заманда сага окшогон адамга эң ылайыктуусу - жип.

Арсен Саманчин агасына ыраазылык билдирди:

- Рахмат, ага, рахмат, кандай болот көрөбүз, жип тоого ылайыктуу, бирок көрөбүз. Өзү ичинен: "Ошондой болсо кана" деп кайра кайталап, сөздү башкага бурду: - Итибай, кандай эс алдың? Азамат, ушунуңдан жазба. Биздин тоолордун жолу менен ар ким эле жүрө албайт.

- Ооба, Итибай экөөбүз ал жолдор менен канча жүрдүк деп ойлойсуң? Үч жүз миң километр!

- Үч жүз миң кырк болду! - сыймыктана оңдоду Итибай.

Анан алар кучакташып коштошушту. Арсен жиптин артынан кол булгалады, өзү болсо: "Ошондой болсо кана!" деп ойлой берди.

Арсен Саманчин тиги табышмактуу чабалекейлерди эстегенде жанын коёрго жер таптырбаган дагы бир кайгылуу себеп бар болчу. Алар жөнүндө эч кимге айтмак эмес, күлкүнү келтирмек, бир гана Айдана бул окуяны туура кабыл алмак жана аны кыялдана чечмелеп бермек. Мындан ал сөзсүз кандайдыр бир сюжет, мүмкүн либретто же ыр чыгарууну кеңеш кылмак. Ал мындай күтүүсүз нерселерди жеке маектешүү үчүн тапканды жакшы көрөт. Бул сүйүшкөндөрдүн жүрөктөрүн ого бетер жакындатат. Аларда мындай сыр чечишүүлөр нечен жолу болгон! Эми болсо анын үнүн телефондон да уга албайсың, тиги кейпи суук "Лимузинге" түшүп кетип калды... Өкүнүчтүү, болбосо ага бул табышмактуу кабарчы-чабалекейлер жөнүндө айтып берет эле. Кызык, алар эмнени кабарлагылары келди экен?

Албетте, бир нече күндөн кийин мунун баары унутулду, Туюк-Жар тоолорунда ишкер-аңчылыкка даярдык көрүү оңой эмес, түйшүк арбын, бирок ошол жактан, туулган айылына келгенине бешинчи күнү ал баягы "Көрүнбөс эшиктер же үмүтсүздүктүн формуласы" деген каргашалуу кол жазмасын кол дептерине жазды.

Айыпсыз чабалекейлер дал ушу жөнүндө эскертүүгө далалат кылышты беле? Бирок алар кайдан билсин? Күлкүлүү. Болбогон нерсе. Жок жерден чыгарылган. Ошондой туюлду. Азырынча ошондой болуп жатты. Азырынча... Бирок мындай кол жазма Арсен Саманчиндин калеминен жаралганы, алдыда болоор нерсенин жышааны болчу. Алдыда азырынча баары бейпил, эч кандай кабатырлануу жок, анткени бардык нерсе өз нугу менен ишкер-планга ылайык жүрүп жатты.

Ал болсо, тагдырдын ага камдаганы жөнүндө эч нерсе билбей, Айданага жолугуп, кызыктуу чабалекейлер жөнүндө айтып бере албаганына өкүнүп, тымызын азап тартты. Ооба, ошол замат - Ой, кана, ал укмуш чымчык-чабалекейлер? деп чуркап келет дейт. Ал анын оюнда да болбосо керек, бечара жээринди?

Ошол учурда дагы бир жээринди, жырткыч Жаабарс, арбалган өңдүү, Үзөңгүлөш ашуусунун алдынан кете албай буйдалып жатты. Ал эмнени күттү? Аны эмне күтүп турду?

VI



Эки күндөн кийин Арсен Саманчин "Нивасынын" рулун бурап, жолдо келе жатты. Сыйлуу коноктор - жээндер Хасан менен Мисирдин келээрине саналуу күндөр калды. Албетте, алардын толук аттары бир топ татаал жана узун, аларды жаттап алуу керек. Азырынча бул жагы деле жетиштүү - Хасан жана Мисир... Алардын аңчылык кызыгуусуна кызмат кылуу үчүн Арсен туулган айылына, Теңир-Тоо кыркаларындагы, алыскы Туюк-Жар тоолоруна кетип баратты.

Жол узак - беш сааттык. Жолду жакшы билгенине, айрыкча машине айдаганды үйрөнгөндөн бери көп жолу каттаганына карабастан, ар бир жол жүрүү сыноого айланчу - жол жарымына чейин асфальт төшөлгөн, андан ары өйдө-ылдый өрүштөр жана жардуу дөңсөөлөрдүн чети менен таштак жол кетет. Акыркы жылдары шаар-кыштактарга толуп кеткен заманбап чет элдик машинелердин арасында сейрек көрүнгөнү менен "Нива" али жүрүштөн кала элек.

Азыр ал дал чыгыш тарапта кетип баратат. Шаар четиндеги булуңдарды жана салынып бүтө элек үйлөрдү аралап өтүп, чет жакадагы бактар менен айылдарды кесип, жол мурдагы колхоз, совхоздордун талааларына чыгат. Андан ары дөңсөлүү тоо четине кетүүчү ээн талаалар ачылып, алардын артынан кылымдарды карыта кокту-колотторду жердеген жолборс менен кабыландардын татыктуу бир туугандары, заматта эл аралык аңчылыктын көңүлүн ушунчалык бурган, жырткыч ак илбирстер мекендеген Теңир-Тоо тутумдарынын асман тиреген ак мөңгүлүү тоо кыркалары элес-булас көрүнөт.

Мына ошол тарапка, көк мелжиген бийик тоолорго Арсен Саманчин багыт алды, кээде гана ар кандай тиричилик себептери - акыркы сапарга узатуу же үйлөнүү тойго, же жакын туугандары жаңы конушка ээ болгондо келип-кетип жүрүүчү туулган айылына "Нивасы" менен баратты. Анын токтой турган үйү - бир тууган эжесиники - күйөөсү темир уста, темир устачылык менен көп акча таппайсың, уулу Өскөн үйлөнгөнү турат, тамга улап үй куралы деп көптөн бери айтып жүрөт. Эгер баары ойдогудай болсо, аңчылык ийгиликтүү өтсө, албетте, үй салууга акча бериш керек. Ананчы, сөзсүз бериш керек.

Бул жолу Арсен Саманчин мекенине өзгөчө себеп менен баратат десе да болот, мурда мындай болгон эмес. Тууганы - бул аймакта баарына белгилүү аңчылык боюнча ишкер Бектур Саманчиндин чакыруусун кабыл алганы Арсендин жердештерин таң калтырган деле жок: байкеси го байке, бирок асмандан түшкөн долларлардын арасынан ким эле өз үлүшүн алгысы келбесин? Кайсы келесоо баш тартат? Араб коноктордон, тагыраак айтканда, ак илбирстерден ушундай түмөн акча түшкөнү турат, анткени - ал да болуп көрбөгөн иш - жырткычтар да эми базардык айлампага кирди: бул жерде ак илбирстер болбогондо бу коноктор анча акчаны эмнеге чачмак эле.

Мындай акча жөнүндө сөз болуп жатканда кимдин оюнда эмне бар экени эч кимди кызыктырбайт. Ар кимдин өз түйшүгү бар, ал эми бирөөнүн оокат-жайы менен башкалардын иши жок. Ошондуктан Арсен Саманчиндин котормочу болуп берүүгө макул болушунун чыныгы себептери эч кимди кызыктырган жок.

Рулда олтуруп, ылдамдыкты жана каршысынан чыккан машинелерди байкап - өзгөчө кескин бурулуштарда, кытайлык деп аталган чоң, үстүнөн бери жүк жүктөлгөн, узун машинелер кыйшайып өтүп кеткен сайын ал жеңилдей түшүп үшкүрүнөт. Арсен ушул жолдо кыйналып келатып да, баягы эле нерсе тууралуу ойлонуп жатты: мындан ары кантип жашоо керек, кандай кылат? Ушул эле болсо эмне! Бет алдынан баягы эле аны бир жолу кыжаалат кылуучу өжөр, эч арылбай кыйнап келген ой чыга калып жатты. Ошон үчүн рулда келе жаткан Арсен улам ойдолоп, бир ордунда олтура албады, аны ичинен "акыркы жооп белгиси" мазесин алууда - ичиндеги тымызын түтөп, басылбай жаткан өч алуу өртүн ал өзү үчүн ушинтип атап алган. Өзүнүн ушул абалын жеңилдетүү үчүн туура чечим табууга акылы жетпей, өзүн-өзү жеңе албай, ушунчалык айласы куруп турганына өзү таң калды. Бир кезде ак көңүл эмес белең, а көрсө, жексур турбайсыңбы. Алгачкы доордук табигый сезим ардантат жана базардык идеология мен үчүн эмес, алыс ыргытат... Социалисттик кайдыгерликтен, биз базардык сазга батып баратканыбызды кээ бирөөлөр гана түшүнөт. Ал эми базар, аны менен бирөө тил табышпаса - түбүнө жетет. Бирок эгер сени өлтүрүп жатышса - сен да өлтүр. Базардык "акыркы жообу" ушундай. Өзүн тилдеп, жемелеп, шылдыңдаганы менен жүрөгүнүн түпкүрүндө эч кандай өкүнүүгө же кечирим суроого моюн сунбады. "Акыркы жоопко" толук моралдык акым бар деп эсептеди.

Ошентип, эгер Кудайдын бар экени чын болсо, ал аларды унуткан, же Кудайы бар болсо, алар аны унутушкандай өзүнө окшогон жандар жайнаган шаар көпчүлүгүнөн, улам алыстап, көңүл чөктүргөн коркунуч менен дүрбөлөңдү, кайгы-капа менен сары санааны өзү менен кошо алып, "Нивасында" тоо этегиндеги жайыкка тереңдеп кирип баратты. Айданадан аны ажыраткан, аны массмаданиятка азгырган каргыш тийген бул шаарды желкесинин чуңкуру көрсүн.

Арсендин өзүн шаар коё бербей, артынан кууп жетип, телефон чалуулар менен жолун тороп жатты, аларга рулду колунан коё бербестен же жол кырсыгына кабылбаш үчүн машинени жолдун четине токтото калып жооп берип жатты. Негизинен макулдашылган макалаларды же интервью тексттерин күтүп жатышкан ар кайсы редакциялардан чалышты. Аларды кийинки убакытка жылдырууга, ал эми кезектеги көрсөтүүлөрдү даярдоону пландаштырып жатышкан көк бет редакторлор менен алып баруучуларга ал азыр эс алууда, башкача айтканда, өзүнө-өзү эс алуу бергенин, антүүгө толук акысы бар экенин жана келерки үч жума башка жактарда болорун, мына азыр да шаардын чегинен чыгып кеткенин түшүндүрүүгө туура келди. Жалпысынан, бул күнүмдүк маселелерди азырынча артка жылдырып, макулдашты, бирок экөө шашылыш, талкуулануучу маселелер эле, телефон чалгандар түшүндүрүүлөрдү, телефон аркылуу талкуулоолорду талап кылышты, анткени басма сөздө жана телекомментарийлерде анын өзүнүн маанилүү коомдук маселелер боюнча айткандарына берилген сын-пикирлерге токтоосуз жооп берүү зарыл болчу. Бул жагдай ага жаңылык эмес болчу, ал көп учурда ар түрлүү суроолор боюнча талашып-тартышып, өзүнүн көз карашын далилдөөгө мажбур болоор эле, бирок ошол жерде редакцияда чечишүү - бир, ал эми аралыкта, телефон аркылуу талкуулоо - таптакыр башка нерсе. Бирок башка арга жок. Дагы жакшы телефондогу маектеши өз адамы, "Жаңы жол" гезитинин башкы редактору Кумаш Байсалов экен. Алар көптөн бери кабарчылык иш менен байланышып турушат.

- Кулак салчы, Кумаш, - кыжырлана сүйлөдү Арсен Саманчин. - Дагы шашылыш эмне болуп кетти? Мен жолдомун, айттым эле го сага. Кайтып келем, мына ошондо сүйлөшөбүз...

- Мен түшүнөм, Арсен, бирок сени билсеби дедим - сенин медиафорумдагы, эсиңдеби конференцияда сүйлөгөн сөзүң боюнча?..

- Албетте, эсимде.

-...Мына демек, биздин жергиликтүү диний ишмерлердин тобу - мусулмандар да, христиандар да, алтургай либералдык баптисттер да ачык кат жазышты. Айткам сага, дайыма эле аша чаап кетесиң деп.

- Анан тиги уламалардын тынчын кетирген эмне экен? Аларды бир тууган боло калууга эмне түрткү болду? Жөн учурда бири-бирине кол да беришпейт...

- Сенин баарына угуза, эл алдында Кудайдын бар экенине шек келтиргениң, Жараткандын өзүн, катта айтылгандай, өз "Сөзүңө" көз каранды кылганың.

- Кандайча? Бул эмне дегени? Жараткан менин "Сөзүмө" көз каранды болсо, анын кудуреттүүлүгү кайсы. Тантырай беришет.

- Макоолонбочу, Арсен. Сен эмнеге барып жатканыңды билгенсиң. Эми алар сенин күнөөңдү мойнуңа алып, эл алдында өз көз карашыңды жөн гана жаңылыштык эмес, чындыкты атайылап каралоо деп айтышыңды талап кылып жатышат.

- Токто-токто, кайсы көз карашты?

- А сен Алматыдагы медиафорумда чыгып сүйлөгөнүң эсиңдеби?

- Эми ойлоп көрсөм... Ал май айында, эчак болгон да.

- Туура, жыйырма бешинен жыйырма жетисине чейин.

- Анан эмне болуптур?

- Мына угуп тур, мен сага алардын нааразычылыгынын мазмунун окуп берейин.

- Кана башта.

- Телефонуң өчүп калбайбы?

- Кабатырланба, электр кубаттагычы бар жанымда.

- Анда окуп жатам. "Ошентип, биргелешип талкуулоонун натыйжасында бирдиктүү пикирге келип, биз, дүйнөлүк диний окуулардын аймактык борборлорунун өкүлдөрү, белгилүү журналист Арсен Саманчиндин "Евразия медиафоруму" конференциясында мазмуну жагынан атеизмден да коркунучтуу, тарыхтын көчмөн доорунун маданиятсыз, философтук сыяктанган "Сөз" текстинен үзүндү келтирип жана ага таянып кудайга шек келтирүүсүнө нааразылык билдиребиз жана каршы чыгабыз". Угуп атасыңбы?

- Ооба, угуп атам, угуп атам.

- Андан ары сенин текстиң. Баса, эсиңдеби, конференциядагы чыгып сөз сүйлөгөндөрдүн баары сыналгыдан көрсөтүлгөн? Сенин эмне деп айтканыңды азыр мен окуп берем, чыдай тур, жана алардын катында бул келтирилет: "Мүмкүн заманбап ММКнын чыныгы ааламдык мааниси боюнча өз түшүнүгүм, өзүмдүн көз карашым пайда болоор. Ошондуктан калыптанып жаткан замандын маалымат мейкиндиктеринин негизги азыркы учурдагы күндөлүк маанилүүлүгүн жана жоопкерчилигин гана эске албастан, атам замандагы көчмөн ойчулдардан мураска калган сөздүн ар тараптуулугун түшүнүү, түпкү маңызына жетүү максатында байыркы метафораларга кайрылгым келет. Өзгөчө, үстөмдүк кылуучу дүйнөлүк диндердин догматтарына чейин эле айтылган көчмөн доордогу кыргыз-казак поэзиясынан көлөмдүү мисал келтирейин. Которулганда бул мындай айтылат: "Сөз асманда Кудайды кайтарат, Сөз Ааламдын сүтүн саайт жана тукумдан тукумга, кылымдан кылымга бизди ошол сүт менен азыктандырат. Андыктан Сөздөн сырткары, Сөздүн чегинен ары Кудай да, Аалам да жок жана дүйнөдө сөздүн күчүнөн ашкан күч жок, дүйнөдө Сөздүн отунунун табынан жана кубатынан ашкан жалын жок. Бул ар тараптуу негизги эреже ээр үстүнөн жер жүзүнө көз чаптырган ошол кездеги көчмөн ойчулдар, ошол кездеги төкмө акындар тарабынан иштелип чыккан".

- Мунун эмнеси биздин молдолор менен попторубузга жакпай атыптыр?

- Мына бул: алар бир добуштан эсептегендей, кантип мындай ачык, эл алдында Кудайды жокко чыгарууну чыдап угууга, сыналгыдан көрсөтүүгө болсун?! Түшүндүңбү?

- Ооба, чынын айтсам, алар жактан мындай мамилени күткөн эмесмин. Алар кененирээк ой жүгүртүшөт деп ойлогом. Ошентсе да, бул менин пикиримди кымындай да өзгөрткөн жок.

- Болуптур, биз эмне кылалы?

- Кандай кылсаңар өз эркиңер.

- Түшүнүктүү. Анда эсиңде болсун, Арсен, - жолдо экениңе карабай чалып жаткан себебим - биз кечиктирбестен биздин диний жамаатты колдойбуз жана бул катты биринчи бетке жарыялайбыз. Биз экөөбүз кайра куруудан бери эле кол кармашып келебиз, бирок азыр мындай кылбасак, биздин гезит каржы ийнеси жок калат, түшүн. Бизге муну кыйытып айтпай ачык эле билдиришти. А биздин "сайгычыбыз" ким экенин өзүң билесиң да.

- Билбей анан. Ал силерде эле "сайгыч" эмес, жакында бүт маданият анын каржы ийнесине олтурат. Бардыгы - олжо да, буйрук да - анын колунда болот.

- Демек, сен бизге таарынбайсыңбы?

- Кенедей да. Жасай бер. Мен өз көз карашымды коргой берем. Чындык үчүн өзүнүн чөйрөлөрү табылат.

Макул! Бирок сен түшүн, Арсен, мен жакшы турмуштан эмес... Сенин буга чейин да бир макалаң "сайгычтарга" катуу жакпай калбады беле.

- Кайсы макала?

- Орусиялык басма сөздө.

- А-а, ооба.

- Аты эле кандай - "Байлыкка жана бийликке умтулуу оорусу"! Мыкты макала. Таш доордон биздин күндөргө чейин...

- Ооба, болгон, - деди Арсен Саманчин кыска сүйлөп, ал макала да өз ролун ойногонун эстеди, нааразылыкты туудурган, ошон үчүн динчилдерди алга сүрөштү, алар болсо ашыкча аракеттеништи. Ушунун баарынын артында баягы эле Эрташ Курчал турат. Мындан Арсен күмөн санабады. - Болуптур, Кумаш, - деп кошумчалады ал, колтелефонун ээгине кысып - эске алам. Азыр анда ары жөнөшүм керек. Көрүшкөнчө, Кумаш!

- Болуптур! Арсен, сага акыл үйрөтө турган мен эмесмин, ошентсе да айланаңда болуп жаткандарды байкап жүр. Катты жарыялайбыз, башка арга жок. Уламалар бизден калбайт.

- Кайдагы уламалар? Маскарапоздор!

- Мен жөн эле тамашаладым. Кыскасы, сен тоолук эмессиңби, кайсы жерде өрүш, кайсы жерде эңкейиш, а кай жерде жар бар экенин билишиң керек. Ак жол...

- Рахмат. Мен аттандым, - бул каалоо эмнени билдирээрин түшүнүүгө аракеттенип, жооп берди Арсен Саманчин - жолго эскертүүбү же андан да маанилүү турмуштук нерсеби?

Кийин редакциялардан дагы эки телефон чалуу болду, бирок машакатсыз, жеңил...

Май куйганга гана токтогон Арсен Саманчин тоодогу кара жолдун кыйма-чиймесине жакын калды. Өрүштөрдөн өйдө көтөрүлүп, эңкейиштерден ылдый түшүү өзүнчө эле керемет, айланада кооз көрүнүштөр ачылат, бирок рулда өзгөчө көңүл коюуну талап кылат жана машинеге да оордук келет. Айдоого бүт ынтаасын коё, Арсен Саманчин анын медиафорумдагы чыгып сүйлөгөнүн басма сөз бир жактуу, үстүртөдөн баяндама бергенине капа боло ойлонуп жатты: ар кандай конференцияларда анын талаш сөздөрү көп эле болгон, бирок мындай уюштурулган тукуруу биринчи ирет болсо керек. Бул дээрлик көрсөтмөлүү болуп жатат - ал, Арсен Саманчин ичинде сактап жүргөн жана дүйнөдө эч ким билбеген коркунучтуу нерсени артка жылдырып кетип баратат. Ал эми тиги айланасындагылардын баарын сансыз байлыгы менен басып жаткан, бирөөлөрдүн муң-зарынан пайда тапкан адам аны артынан сары изине сая түшүп, кууп жетет. Андай болгон соң, ал өзү да буйдалбайт, араб коноктор менен аңчылык бүткөндө, марага чыгуу керек...

Бул түбү жаман ойлордон арылуу кыйын эле. Ал төрт сааттан ашык жол жүрүп баратат, көз алдына улам тааныш, балачактан жакын жерлер тартыла баштады, туулган жери Туюк-Жарга чейин бир сааттай убакыт калды, эң чоң айыл, бир убакта бүт аймактагы эң чоң колхоздук чарба, Арсендин башынан баягы эле ойлор чыкпады. Түшүнүксүз, ал канчалык аралыкта алыстабасын чоң эле жана эрктүү кишиге мүнөздүү болбогон дээрлик бала кыял: - азыр жана ушул жерден Айдана менен көрүшүү жана сүйлөшүү мүмкүн болсо кана,- деген сезимтал каалоо анын артынан калбай ээрчиди. Туулган айылына чогуу баруу, рулда олтуруп, ага эмне үчүн жана кайда баратканын айтып берүү кандай сонун болоор эле... Чыгаарда мүмкүн эмес экенин билсе да, аны менен телефон чалып байланышууга аракет жасады, бирок ошол бойдон "Алло!" дегенин да уга албады. Жолго чыгаардын алдында ага эки ооз сөз да айта албады - анын бактылуу тагдыры, тагыраак айтканда, кыйын чыкма ишкерге баш ийген тагдыры буга жол бербеди... Ушул баш аламан ойлордун кучагында Айдана бул жерде жана аны менен сүйлөшүп жатат деп кыялдануу гана калды.

Ошондо ал ийинин тийиштире жанында олтургансыйт. Ал өтө баамчыл жана албетте сулуу, ал сулуу болууга милдеттүү, ар бир аял үчүн сулуу болуу - жашоонун эң маанилүү шарты, адам баласы ушундай жаралган. Жашырганда эмне, Айа чын эле табиятынан сулуу болчу - бою да, мүчөсү да, жүзү да, кара кирпиктеринин астынан дайыма жалжылдаган көздөрү да, далысына жеткен, бирде артка таралган, бирде таза жүзүн сахнанын көшөгөсү жапкан сымал каптап турган чачтары да. Үнүчү! Бул жерден Жаратканга кайрылып, анын үнүнө берген кооздугу жана күчү үчүн ыраазычылык айтуу керек. Ошондойбу, Айа? Ах, кечир бул жөнүндө айтпаш керек эле. Түшүнөм, түшүнөм, түйшөлөм, басынам, өзүмдү-өзүм жазалайм. Сен эпчилдердин колуна түшпөдүңбү. А мени, башы маң болгон келесоону, талаага таштадың. Бирок бул жөнүндө кийинчерээк...

- Токто! Сен кайда? - селт эте түштү Арс. Бирок ал жанында жок эле...

Айылда ушунчалык көп туугандары күтүп жатышат - бир тууган эжеси, темир уста-жездеси, таяке-жээндери, жана башка аталаш туугандары жана негизгиси - келишине саат-мүнөттөрдү санаган Бектур ага өзү, анткени убакыт тартыш, араб коноктор беш күндөн кийин, он жетинчи июлда, саат он жети нөл-нөлдө, Олуя-Ата аэропортуна өздөрүнүн жеке учагы менен келип конушат. Аэропорттук кызмат менен бардык суроолор интернет аркылуу макулдашылган, учуп келүү жана азырынча ачык мөөнөтү менен учуп кетүү боюнча бүтүндөй керектүү иш кагаздары - досье топтолду. Бардык ушул убакыт өткүчө учак учкучтар тобу менен аэропортто же Бектур Саманчин айткандай "аиропортто" болмокчу (алар, арабдар үчүн жеке учак, сенин "Ниваң" сыяктуу) кыскасы, бардыгы ишкердик-планга ылайык түзүлгөн. Ал болсо "Нивасында" же чын, же оюнда экени белгисиз кетип баратат... Бир убакта капыстан ал кайра жанында болуп калды...

- Кайда баратасың, Арс? - деп сурады андан.

- Ой, кечир, Айа. - Капыстан чыга калган машинеден буйтап, рулду бура сүйлөндү Арс. - Мен сага телефон чалып, байланыша албай койдум. Сен бүгүн - эсиңдеби? - хайдельбергдик эс алуу багындагы көйнөгүңдү кийип алыпсың, сага абдан жарашат.

- Мен аны сактап жүрөм, сен үчүн жасандым, Арс.

Ошол жерден ал үнүн өзгөртүп:

- Кайда барыш керек болсо ошол жакка баратабыз, бирок кел, олуттуу сүйлөшөлү. Бир айласын табуу керек, Айа, - деди.

- Кел, сүйлөшөлү кааласаң.

- Сен үчүн жагымсыз күтүлбөгөн окуя болбосун, бирок эсиңе ал: иш жаман аякташы мүмкүн. Сенин өмүрүңө тиешеси жок, ошентсе да...

- А эмне, эмне болду? Сенин өмүрүңө тиешеси барбы?

- Меникине гана эмес.

- Эмне болду, Арс?

- Түшүнөсүң, сен акылдуу, күчтүү, сулуу аялсың. Сага ажайып музыканын коштоосунда ырдоо үчүн ажайып үн берилген. Бирок Кудайдын үмүтүн сен актап жатасыңбы? Сенин эми башка кудайың, ишкер-кудайың бар эмеспи, анын аты Эрташ Курчал, Курчал-Бурчал - каргыш тийгир! Ал жөн гана өзүнчө семирген бай эмес, Эрташ Курчал - шоумендин кебин кийген шайтан. Ал кол алдында болбогондордун баарын жек көрөт. Дароо даамын татып, жытын сезди...

- Жолду карачы, Арс!

- Кам санаба, Айа, баары жайында болот.

- Ооба, бир кезде рулда чебермин деп мактанбадың беле.

- Мүмкүн ошондойдур. Бирок кулак салчы, мен аягына чейин айтайын. Мына анан ал жырткычтык жыт алуусу менен менин "Байлыкка жана бийликке умтулуу оорусу" деген макаламдын аталышынан эле ким жөнүндө айтаарымды сезген, а макала москвалык гезитке жарыяланган.

- Мен али окуй элекмин, Арс. Бирок анда эч кимдин аты аталбайт дешет го.

- Мен эч кимдин атын атайын деген эмесмин. Анын зарылчылыгы жок. Түшүнөсүңбү, сөз жалпы сөзсүз болуучу ой-максат - байлыкка жана бийликке умтулуу жөнүндө болот. Ошол эле учурда - бийликке түздөн-түз ээлик кылуубу же аны сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуубу - баары бир, экөө тең жарайт. Бийлик үчүн байлык, дем алуу үчүн аба сымал керек, ал эми байлык бийликти дагы эле дем алуу абаны талап кылган өңдүү талап кылат деп айткым келген. Жашоо-турмушта ушундай түзүлгөн. Байлык менен бийлик бири-бирисиз жашай алышпайт, ал эми байлык аркылуу мансапкорлукка өнөкөт тартылуу коркунучу максатка бардык жол менен эч нерсеге карабай жетүүнүн өзүндө. Бул жерде ар ким маңдайына жазылганды көрөт, кээ бирөө май-талкандын үстүндө, кээ бирөө каргышка калып көргө кирет. Тиги шумпай болсо, макалада анын шылуундугу ашкереленгенин жаземдебей дароо баамдады...

- Ой, Арс, сага дарс окутуп эле койсо. Сен андан көрө жолду карап, рулду бекем карма!

- Кабатырланба. Менимче сен жакында бийлик менен байлык - жатында эле биригип калган сиам эгиздери экенине көзүң жетет.

- Сен эмне, дагы социализм үчүнсүңбү? Биз анда болдук окшойт го?
- Кеп ал жөнүндө эмес.
- Анан эмне жөнүндө?

- Сен экөөбүз базар кудайларына чалынган курмандык болгонубуз жөнүндө. Сен бул тууралуу кандай ойдосуң?

- Өзүң билесиң! Мени мажбурлаба, Арсен...

- Эмне унчукпай калдың? Тынчсызданып жатасыңбы?

- Кулак салчы, машинени токтот! Же мен жүрүп баратканда эле секирип кетем. Жетишет! Мени жөн эле жерден чечим чыгарды деп ойлойсуң го? Сен баарын менден да жакшы түшүнөсүң. Маселе мындай: же мен поп-шоу-бизнес мейкиндигинде жылдыздар менен үзөңгүлөш ат чаап жүрөм, же романтизм жөнүндө кошок айтып, кайыр сурап жүрөм! Менин жүрөгүмдү эзбечи, билесиң го, кызым пенсия да алышпаган картаң ата-энемдин колунда. Чоочун кишилерге ишенип бергим келбейт, өзүмдүн убактым жок, менин азыр ишим оңунда. Мен билем, сен мен жөнүндө ойлойсуң, кайгырасың, билем сен Кайып колукту тууралуу азап тартасың. Бирок эгер сен жалгыз идеалист боло алсаң, а мен эмне кылам? Жок, сен экөөбүздүкү жок...

- Эмнебиз жок? Эмне жөнүндө айтып жатасың?

- Биз мындан ары көрүшпөйбүз, ошол жөнүндө.

- Эмне үчүн?

- Уксаң, мүмкүн мен сага уятсыз көрүнөөрмүн, бирок кетээрде айтайын. Сөз - бир, ал эми иш жүзүндө - башка. Мына сен дүйнө туура эмес жаралган деп өзүңчө кайгырасың, сен сыяктуу ыйлагандар аз эмес. Анын болсо - мен сыяктуулары аз эмес, ишкердик-гареми бар. Акча үчүн бардыгы кубана ага чуркашат, дагы качан керек болоор экем деп күтүшөт. Ооба, эстрадалардын жана лимузиндердин ээси сага жакпайт, аны көрө турган көзүң жок, андан эмне болуптур? Ал эч ким эмес болчу, эми баары болду! Өзүнүн ишкердигинин аркасында. Күч ал тарапта. Бүттү!

- Ооба, Айдана, бүттү! Сен туура айтасың. Кошумчалай турган эчтеке жок. Баары ошондой. Бирок менин багынышымды күтпөй эле койсун. Сен жакында бир нерсени көрөсүң, ошон үчүн кетип баратам. Сага эмне болду? Ойлонбо. Сен эмес, сени кирешесине каттаган базар заман күнөөлүү. Анын кудайы - акча. Ал кудай бардык жерде. Кабатыр болбо. Токто, кайда барасың? Токтой тур! Кайдасың? Кайдасың?

Бирок ал көздөн кайым болду. Арсен жадагалса тормозду басып, Айдана Самарова чын эле жүрүп бараткан машинеден секирип түшүп, көз ирмемде жоголуп кеткенсип, таңыркай артын каранды. Анан эсине келе өзүн чекеге алаканы менен катуу чаап, Арсен күлө башын чайкап, адаттагыдай, кыялкечтиги үчүн өзүн тилдей, өзүнүн күлүк кыялында болуп жаткандарга ишенип, ишенбей андан ары жол тартты. Ошентсе да, анын аң-сезиминде болуп өткөн жана өңүндөгүдөй бул маектешүүнү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген экиге бөлүнүүнүн себеби, бактысыз, мас кылган сүйүү жана тумчуктурган жанга баткан кусалык эле. Ал эми жалгыз соороткон нерсе, анын элестүү көз алдына тартылган аң-сезиминде болуп жаткандын баары канчалык маанисиз жана күлкүлүү көрүнбөсүн, анын чын турмушта ойлогонун бир да жан билбегени. Эч ким... Ал эми билишкенде... Бирок азыр ал маанилүү эмес, айтылгандай, башка маселе. Тиги дүйнөдө душмандар да бири-биринин колдорун кысып, кучакташат дешет...

Аңгыча Арсен Саманчин тоодогу туулган айылына да жакындады, сүйүнүп, толкунданып жүрүп баратып, ал шифер чатырлуу тааныш үйлөргө, алардын короолоруна жана кашааларына көз чаптыра, азыр эле өзүнүн куру кыялына алдырып, жан дүйнөсү аласала аңтарылганын унутуп, Туюк-Жардын тике өйдө көтөрүлүүчү чети менен кетип баратты, анткени бул жакка келбегенине жарым жыл болгон, эми мына аман-эсен мейли жакыр болсо да, бирок киндик каны тамган өз айылына жакындап келатты, ага чейин жолдун кесилишиндеги кошуна айылдан май куюп алууну унутпады - жергиликтүү аймакта толо бак менен келүү да өтө зарыл.

Албетте, аны күтүп жатышкан. Ал короого киргенде, Кадича эжеси менен Ормон жездеси үйдөн чыга калышты, анан көпкө кучакташып көрүшүштү (темир устадан чабылган темир жыттанды), а эжеси болсо көзүнө жаш алып, кыжырын кайнаткан ит сатуу жөнүндө бир саамга унутуп калып, Ардактын үй-бүлөсү кандай турат деп сурамжылай баштады. Жолугушуу абдан сүйүнүчтүү болду. Туугандары анын араб байлардын котормочусу катары келгенин билишет экен. Бектур ага өзү беш мүнөттөн кийин келди, чыдамсыздык менен күтүп жаткан көрүнөт, анысы да түшүнүктүү - Арсенсиз Бектур Саманчиндин иши жүрбөйт да. Бектур ага чапан кийип, ат минүүгө ыңгайлуу өтүкчөн жана төбөсү учтуу ак калпакчан ат үстүндө отурду. Каргылданган үнү менен биринчи эле айтканы бул болду:

- Арсен, сени күтүп отургам, аябай тынчсыздангам, убагында келгениң дурус болду. Иш план боюнча жүрүп жатат, баары даяр. Мен сага биздин көптөн күттүргөн мерген-конокторубуздан факстарды алып келдим. Окуп көрөсүң, которосуң, бирок эртең. Бүгүн эс ал, өзүңө кел. Жумуш чачтан көп...

Дагы бир аз сүйлөшүштү, чай ичишти, эжеси баарын даярдап олтуруптур, анын ортосунда учурашабыз деп кошуналар кирип-чыгып жатышты. Көчөдөн балдар чуркап келишип, "Ниваны" тегеректеп алышты. Күтүлбөгөн жолугушуу да болду, ойдо жок жерден классташы Таштанафган менен баарлашты. Анын чын аты Таштанбек болчу, бирок ооган согушунда үч жыл кызмат өтөгөндөн кийин - дагы жакшы жеңил жаракат алып, төшүнө орден тагынып, кайтып келди - айылда аны Таштанафган, үйүндөгүлөр андан да кыскартып - Ташафган деп атап калышкан. Орусча которгондо бул ат "твердокаменный афганец" дегенди билдирет: таш - "камень", таштан - "сделанное из камня". Мисалы, таштан эстелик - "каменный памятник". Ошондой эле тоолук кыргыздарда кеңири тараган аттар түзүлгөн: Темирбек - железный бек, Темирхан - железный хан, Темиркул - железный раб... Мына ошентип ага ата-энеси берген ысым асмандагы символикалык белгилер менен төп келет деп ким ойлоптур! - Ал бойлуу жана күчтүү болуп бойго жетти (баса, ал жаш кезинде эле ушундай болчу, алтургай айылдагы балбандар менен бел күрөшкө да чыкчу), айылдаштары жаштыгы Оогандын жапайы тоолорундагы согуштук кырдаалдарда такшалган жоокерге урмат көрсөтүү иретинде Таштанафган деп өзгөртүп алышкан. Арсен Саманчин менен алар классташ, бир уруудан, анан дагы балачагынан дос болушчу. Кийин алардын жолдору эки башка жакка кетти. Арсен студенттик күндөрүн Москвада жана Ленинградда өткөрдү, шаар жашоочусуна айланды. Таштанафган аскерге чакырылып жана жөө аскердик бөлүктүн курамында Ооганстанга жөнөтүлгөндө, ал областтык айыл чарба техникумунун агрономдук бөлүмүн аяктап жаткан. Кудайга шүгүр, мекенине аман-эсен кайтып келген соң өз колхозунда калды, аңгыча кайра куруу менен демократиялык реформалар башталды, айыл жергесинде жерди менчиктештирүүгө киришишти. Таштанафган, бул жактагы башкалар өңдүү эле, чакан айыл чарба ишкердиги менен оокат кылып жатты, а тагыраак айтканда, башкалар катары эптеп-септеп күн көрүп жүрдү, бардык эле жерде, өзгөчө мындай алыскы тоолордо ушундай болчу.

Иниси келээри менен эжеси айылдаштар аны күтүп жатышканын айтып берип жатканда, Арсен Саманчин ушунун баарын эске түшүрдү.

- Туугандардын баары сени күтүп жатышат, Таштанафган үч мертебе келип, сени сурап кетти.

Арсен бардыгы менен учурашып, пикир алышууга араң үлгүрүп жатты. Кошуналары менен шеф Бектурдан башкасы - айылдаштар аны адаттагыча "байке" дешпестен, заманга жараша "шеф" деп атап коюшуптур - Таштанафган да учурашканы келди. Алар да бекем кучакташып көрүшүштү. Экөө тең бири-бирине кубанып турушту. Көрүшпөгөндөрүнө эки жыл болуп калганын эстешти. Бул жаатында Таштанафган мындай деди:

- Бу силерде, шаарда ар кимдин өз телефону бар, ким менен кааласам, качан кааласам сүйлөшө берем. Биздин болсо телефондорубуз жок жана болоору да күмөн. Өзүң билесиң, Арсен, дагы жакшы айылда свет бар, совет мезгилинде коюлуп калган. А колтелефон - шефте жана анын эки жардамчысы - Борбий менен Жанарбекте гана бар, алар эсиңдедир, мектепке чогуу барчубуз.

- Ооба, билбей анан, - деп жылмайды Арсен жана сөзгө аралжы эски досун кубаттоого тырышты: - А колтелефондор тууралуу мен ойлойм, араб ханзадалар менен илбирстерге аңчылык кылсак - сен сөзсүз бир нерсе иштеп табасың. Шеф Бектур ага шаарга келгенде айткан, илбирс айдоочтордун арасында башчысы сен турбайсыңбы. Аскаларга чыгуу, жарлардан секирип, тамагың айрылганча кыйкыруу - оңой иш эмес. Бектур ага сени аябай баалайт, анын үстүнө сенин оогандык тажрыйбаң бар да. Жакшы төлөп беришет деп ишенем. Телефон жана дагы бир нерсе сатып аласың. Негизгиси илбирстер тузакка түшүп берсе эле болду.

Таштанафган ийиндерин арсар куушурду:

- Кандай болот, көрөбүз да. Дагы сүйлөшөбүз. Сен күлбө, Арсен, бирок ак илбирстер биздин тоодо өтө сейрек жырткычтар, алар жөнүндө бала кезде бизге канча жомокторду айтып беришчү эле, а колтелефондор шаарда - каптагы картөшкөдөй. Ар кимдики өзүнө.

- Аның го чын, - деп макул болду Арсен Саманчин, - бирок поезд өз жолу менен жүрөт. Эми бул жомок эмес, өзүң көргөндөй, араб мергендердин алдына илбирстерди өзүң айдап келесиң. Эми бул чоң ишкердик.

- Ооба, албетте, чоң ишкердик. Сөз жок.

- Шеф Бектур ага, силер айдоочтор, беш адам деп айтты, сен жетекчиси сыяктуу экенсиң, баарыңар өз аттарыңар менен жана ат үчүн - өзүнчө төлөнөт.

- Ал чын, - деп ырастады Таштанафган. - Биз бешөөбүзбүз. Жана аттарыбыз да күчтүү. Болгону бут баспаган тоолор жана кар менен жүрүүгө туура келет, үзөңгү үчүн да төлөнсө болмок - ишкердик деген ишкердик да. Болуптур эртеңге чейин.

- Мейли, эртеңге чейин.

Бирок короодон чыгып баратып, Таштанафган ойго бата бир нерсени айтпай калгансып токтоду. Чын эле ошондой болуп чыкты. Ал кайта келди:

- Токто, Арсен, дагы бир мүнөткө кармайын.

- Ооба, бир нерсе айткың келдиби? Угуп жатам.

- Четке чыгалы да. Түшүн, сен биз үчүн өз адамсың, биз баарыбыз туюктуктарбыз го. Арабдарга эмне - биздин тоолордо аңчылык кылып алып кете беришет, а биз кантебиз - өзүбүз ойлонушубуз керек. Мына биз бешөөбүз айдоочтор сени менен маңдай-тескей олтуруп кеңешели дегенбиз. Качан эми мындай мүмкүнчүлүк болот? Баса, биз сага да шефтин тапшырмасы боюнча ат даярдап койдук, араб коноктор менен кошо сен да ат чаап жүрөсүң. Сенин атың ойдогудай, мыкты, көрөсүң го, ээри менен ооздугун, баарын камдадык. Ананчы шеф айттыбы - демек, бүттү! Сага атты көрсөтөбүз, минесиң, бастырасың, бир жолу чай ичишебиз, сүйлөшөбүз...

- Болуптур, Ташафган, кел отуралы, сүйлөшөлү. Бирок качан? Убакыт табуу керек, биздин ишкердик-план жылчыксыз. Шеф менен макулдашыш керек.

- Мына-мына. Эртең убактың болобу? Арабдар он жетиси келет, бүгүн он экиси өтүп баратат. Эртең жолугушушубуз керек, антпесе үлгүрбөйбүз. Чалгындап тоого кетебиз. Иш чачтан көп. Эх, болгону эки араб келет экен, а биз бүтүндөй айылыбыз менен камынып жатабыз... Болуптур, бешөөбүз күтөбүз, койчу жигиттер сени менен абдан көрүшкүлөрү келип жатат.

- Макул, мен шеф менен сүйлөшөйүн.

- Сүйлөш, бирок тиги, жөн эле классташым менен жолугам деп айт. Жана эсиңде болсун, бир аз ичип-жегенге да убакыт болбойт - ал эмкиде. Биз бешөөбүз ошентип чечтик, азыр андан да маанилүү иш бар.

- Кабатырланба, Ташафган, мен деле ичкиликке жокмун (жакында эле "Евразия" ресторанында бир стакан толо аракты көңтөргөнүн айтып мактанайын деди, бирок ушунун баарынын артында ким турганын эстеп, кыжыры кайнап, туталана түштү). Албетте, биз чогуу олтуруп, сүйлөшүшүбүз керек, биз теңбиз, бир мектепте окуганбыз.

- Аның ырас, Арсен, ал эми бешөөбүздүн бирөө - мурдагы мугалим, сен аны тааныйсың, чогуу окуганбыз - Саксан. Эсиңдеби, биз аны саксагай деп тамашалачубуз. Ал педучилищаны бүткөндөн кийин, дене тарбиядан сабак берчү.

- Ооба, албетте, эсимде.

- Ошол Саксан-саксагай азыр жылкычы болуп алган, мугалимдин жарыбаган маянасына жашай албайсың.

Арсен унчукпады, айтар сөзү жок болчу. А Таштанафган улантты:

- Саксан аябай жакшы киши, бирок тагдыр аны өйдө-төмөн калчады. Соодагер болуп эки жыл сандалды. Кыйналып жүргөнү бышык. Кел, олтургучка көчүк басалы, Саксан жөнүндө эки ооз сөз. Чыдап угуп кой.

- Мен даярмын. Кел, олтуралы.

- Саксандын айтканы чынбы, калппы айтыш кыйын... Бирок бул жөнүндө ал сотто ант берип айтып жаткандай эле айтат.

- Анан эмне деген жомок экен?

Бир аз унчукпай туруп, Таштанафган жооп берди:

- Билесиңби, соодагерлерди көр оокат кайда гана алпарбайт, ошентип ар кимден угуп алса керек Саксан, эми өзү билгендей айтып жүрөт. Эмнегедир ал мунайзат өндүргөн араб өлкөлөрүнө абдан кыйкымчыл, бейиште жашагансыган тиги эмираттардын баарын жек көрөт. Анын айтканы боюнча алар мунайзат өндүрүү менен кутурушуп, ошол мунайзаттын эсепсиз баасынан акылдарын жоготушат экен. Ал айткандай, алар жердин канын соруп, жөн жерден байып жатышат.

- Эми бул баарына белгилүү, жалпы дүйнөлүк жагдай, - деди Арсен Саманчин. - Мунайзат долларлары үстөмдүк кылат.

- Андай экени го белгилүү. Ал эми ошол араб байларынын жоруктары - биздейлердин түшүнө да кирген эмес. Билесиңби, алар, эң кымбат машинелер менен жарыштарды уюштурушат экен - анан кайда дебейсиңби? Сахара чөлүндө.

- Сахара?! - деп таң калды Арсен. - Шайтан алгырдыкы, мындайды уккан жок элем! Ооба да, тоолордо, кооптуу шарттарда жарышты сүйгөндөр бар эмеспи, ал эми кумда андан да укмуш болсо керек.

- Ошол эле болсо эмне! Элестетсең, Арсен, бул жөнүндө Саксагай бизге өз көзү менен көргөндөрдүн сөзүнөн айтып берди, сыналгыдан да көрсөтүштү - оозубузду ачып калдык! Төбө чачыбыз тик турду. Тиги жарышкандар жип менен - болгондо да кандай - бизде андайлардын чаңы да жок, жадагалса шефтики да, ага жипти ошол жактан айдап келишкен деп айтышат го, эмираттарданбы же кувейтиненби... - анан ошол жарышчылар жөн эле айдашпайт. Алар өздөрүнүн эң мыкты жиптеринде эч нерсеге карабай кум дөбөлөрдө жарышып зымырашат - алар да бизге окшош "чоку" деп аташат экен - бирде тике ылдый секиришет, бирде мухит толкунунда тактай менен секиргендей жогору учуп чыгышат. Ошол шойкомдуу тактай кандай аталат эле?

- Серфингдик-толкун үстүндө жылгаяк тебүү деп аталса керек эле. Анан?

- Ошентип анан марага акыркы келген жип кара жолтой болуп эсептелет да аны жазалашат. Алар, ойлоп көрсөң, тамаша, көңүл ачуу үчүн каткырышып жолсуз машинеге бензин чачышат да, өрттөп жиберишет, өзүлөрү бийлешет, сайран курушат, утулган жарышчы да алар менен бирге шаттанат, шампан куюнушат жана акыркы наадандардай жоруктары менен эч кандай иштери да болбойт. Эч нерсе болбогонсуп эртең эле башка жапжаңы жип сатып алышат, алар үчүн бул арзыбаган нерсе, анын үстүнө көңүл ачып да алышпадыбы. Алар бир кездеги ушу кумдарда итирейген төөлөрүн ары-бери чапкылап жүргөн, кумга көмүлүп калбашы үчүн төөм мүдүрүлбөсө экен деп Кудайдан тиленген бедуиндер - көчмөн арабдар эмес экенин өздөрүнө далилдешти. Мунун баары анткени, Арсен, алардын мунай бургуларынан оргуп чыгып жаткан миллиондоруна эсеп жок. Жер жүзүндө эмне үчүн ушундай болот? Эч кимдин бул үчүн жооп бергиси келбейт - бирөөлөр көңүл ачуу үчүн жиптерди өрттөсө, а башкалар, мисалы биз балдарыбызга мектепке кийип барганга бут кийим сатып бере албай отурабыз.

- Мен түшүнөм. - Арсен Саманчин акырын жооп берди.

Ташафгандын акыркы айтканы анын жүрөгүн өйүттү, ыңгайсыз боло түштү. Мындай кепти күткөн эмес. Жөн эле тиги-бу жөнүндө кобурашат го деп ойлогон. От алып алган Таштанафганды эптеп жоошутуу үчүн:

- Сарсанаа болбо, досум, - деди, - ачууланба, мен түшүнүп турам, бирок кереги жок... Алар бир күнү азабын тартышат, жашоонун сабактары көп.

- Мага эмне! Мен өзүмдү башкарам. Ал эми тиги Саксагайды көрсөң, бул жөнүндө айтып жатканда муштуму менен асманды сабайт. Ал дүйнөдөгү ушул адилетсиздикти ушунчалык жек көрөт. Араң эс алдырабыз, анан жашырганда эмне, жүз грамм ууртатабыз.

- Ооба, албетте. Бирок кел, андан ары ырбатпайлы, - деп Арсен аны далыга таптады. - Негизинен бул өлкөлөрдө эл, кандай бай болбосун, дурус эле деп ойлойм. Ал эми тиги байлыктан мээлери айныган өрттөгүчтөр кокусунан эле чогулуп калса керек. Аларга Кудай тараза. Бирок карасаң, бизге да алардан бир нерсе артчудай болуп турат: илбирстерге аңчылык жакшы өтсө - ар бирибиз өз энчибизди алабыз.

- Ооба, эгер ошондой болсо, ал биздин шеф ушундай ишкер адам экенинен, баарыбызга ишкер - бириккен чарба түзүп бергенинен. Көрөбүз. Аңчылык бактысы шамалга окшош - кармай албайсың.

Аны колдоо максатында Арсен Саманчин тамашалай кошумчалоону чечти:

- Жана дагы кимге ыраазычылык билдирип, таазим этүү керек болсо, ал биздин ак илбирстерге. Алар тоодо болбогондо - аңчылык да болмок эмес. Бектур аганын келишимдери да болбойт эле!

- Аның ырас, - деп макул болду Ташафган олуттуу карай. - Илбирстерди биз сатып жатабыз. Демек... Анан эмне кылалы? Алар менен келишим түзө албайсың.

- Макул! Сени бир аз кармап койдум. Күн да кечтеп калды. Эс ал, бирок унутпа, абдан суранам эртең көрүшөлү. Биз сага атыңды жетелеп келебиз.

- Макул, Таштанафган, шаарда мындай учурларда: ат көрүү уюштурабыз деп айтышат.

- Мына-мына, ат көрүү... Шефке ушинтип маалымдайбыз: ат көрүү болот деп. - Анан коштошуп жатып сурады: - А сенин ат мингенге өтүгүң барбы? Жок болсо табабыз.

- Камтама болбо. Мен эмнеге келе жатканымды билгем да, качанкы бир эски өтүгүмдү алып алгам. Жылдар бою жөн эле жаткан.

* * *

Ал күндү жыйынтыктап, күндүз чарчаган Арсен туугандары бөлмөнүн бурчуна салып койгон төшөккө жатаар алдында колтелефон менен шеф Бектур ага өзү чалды. Ал араб коноктордун биринчи түнөгү боло турган тоо астындагы Дасторкон коктусунда жүрөм деп билдирди. Талаага түнөк уюштуруу, өзгөчө мындай деңгээлдеги мырзалар үчүн, оңой эмес экени турган иш. Эртең түштөн кийин жолугушуп, анан калган жумушту баштоону болжошту. Үч күндөн кийинки Олуя-Ата аэропортунан мерген-конокторду тосуп алууну кеңешип алуу керек. Алар келген убакыттан тартып Арсен дайыма күн-түн дебей алар менен чогуу жүрүүгө милдеттүү. Ал дагы оңой иш эмес: аңчылык го өз жолу менен, алардын кандай адамдар экенин, мүнөздөрү, кызыгуулары кандай кантип билүүгө болот.

Кыскасы, Арсен Саманчин өз милдеттерин чын дилден аткарууга даяр, ошону менен телефондук сүйлөшүүдөн кийин уктап баратты, астыртан гана Ташафган менен болгон маегин эске салды. Ал эмне үчүн анчалык буркан-шаркан түштү? Кызык...

Ал эми ошол жайкы учурда тоолор койнунда, ошол саатта ак карлуу чокулар менен узатасынан түшкөн тоо кыркаларынын ортосундагы капчыгайда толук караңгы кирди, кыштагыдай суук болду. Бул аймактардагы бардык жан-жаныбар тиричилигин эртең мененге чейин токтотту. Тынч алуу керек эле. Бу жердеги жаратылышта бардыгы ошол тынчтанууга шарт түздү - тоолорго жакын салаңдаган чоң, жарык жылдыздар асманда жанышты, булуттар топтошпой, жамгырдын эч бир жышаанын билгизбей тоо кыркаларына жайылып кетишти, күрүлдөгөн дарыялар тынчый түшүштү. Ал эми Үзөңгүлөш ашуусунун кире беришинде шамал согуп жатты жана жээринди Жаабарс бул жерде үйүлгөн таштарды кечип, түнөккө ылайыктуу жай тандап, жанын жай алдыруу үчүн ары-бери басты. Байкуш ошол бойдон ашууну аша алган жок, жай экинчи жарымына ооду, ал болсо дагы эле бул жерге жүгүрүп келе калып, сандалып жүрүп, жоголуп кетет да, имерчиктеп кайра кайтып келет. Мына бул ирет да түнөп калды. Токойдогу чымчыктардын үнүн баспай, өз ара үн алышканы ага жакпай турду. Түнкү үкү кобуранып аларга жиндене күңкүлдөдү, алар көңүл да бурушкан жок... Андан да көбүрөөк астыртан жырткычты бушайман кылган, алыскы созолонгон адамдын үнү болду. Алар кайдан чыгып жатат? Бул айланадагы тоолорду кыдырып жүргөн дал ошол, Кайып колукту пайда болгонун Жаабарс билсечи. "Кайдасың? Кайдасың? Үн чыгарчы! Бул мен - Кайып колукту, мен сени чакырып жүрөм, сага чуркап баратам, кайдасың, кайдасың?" Бул жолу Кайып колукту ыйлады, онтоду, кыйкырды: "Ой, ой эми эмне болот? Эмне болот? Эмне болот? Ой, ой эми эмне болот? Эмне болот?" Ал мынчалык эмнеден коркту? Алда нени билгенсип.

Кайып колуктунун кусалануусуна, коркконуна Жаабарс чыдай албады, ордунан туруп, жалгыз аяк жол менен башка тарапка кетип калды... Анын иши канча? Бир гана Жаратканга белгилүү...

VII



Көрсө, бир Жаратканга гана эмес, мейли түздөн-түз эмес, кыйыр болсо да, дагы бирөөлөргө белгилүү экен. Тээ алыс жакта туруп алышып, Кайып колукту жердеген аймактарда бир нерсени, тагыраак айтканда - Туюк-Жар тоолорунда илбирстерге аңчылык кылууну, ойлоп жаткан адамдар бар эле.

Ошол таңкы саатта Арсен Саманчин туруп жүргөн. Сакалын алып, жүз жыл мурунку калдыраган кол жуугучтун алдында бети-колун жууду. Ал маашырлана таза сүлгү менен аарчынып бүтүп, короого чыгып күнгө кактанайын деп жатканда - аба ырайы сонун болчу, бая терезени карап сүрөтчүнүн колу менен тартылгансып, көк мелжиген тоо кыркалары кандай зор деп суктанган - мына ошол учурда анын колтелефону шыңгырады. Ал телефон чалган шеф Бектур ага экен деп ойлоду: кечиндеги сүйлөшүүнү улантканы чалса керек, бирок трубкада таптакыр күтүүсүз жерден англис тилинде таза сүйлөгөн үн угулду. Арсенди бул нерсе таң калтырды: бул жакта, тоо арасында андай болушу мүмкүн эмес.

Үн жандуу, сергек чыкты жана маектешүүгө шарт түзүп турду:

- Кутман таңыңыз менен! Силерде азыр эртең менен да ээ? Кечиресиз сиз Арсен Саманчин мырзасызбы?

- Ооба, ооба, дал өзү! Ким менен сүйлөшүп жатам?

- Мен сиздин кесиптешиңизмин десем да болот - мен Хасан мырзанын эл аралык байланыштар кызматынын басма сөз катчысымын, атым Роберт, же жөнөкөйүрөөк - Боб Лукас. Тааныш болуп жүрөлү. Сиз англис тилин, байкашымча, эң сонун билет экенсиз, андыктан жергиликтүү калк менен пикир алышууда биздин ортомчубуз болуңуз, биз силер жакка аңчылыкка учуп барууга камынып жатпайбызбы. Мени угуп жатасызбы?

- Абдан жакшы угулуп жатат. Ооба, албетте, мен силердин ортоңордо ортомчу болууга аракет кылам. Урматтуу Боб, сиз азыр кайдан чалып жатасыз?

- Кандайча кайдан, ардактуу Арсен? Бул жактан, Эмираттардан, сиз билесиз да - коноктор, догдурлары менен ашпозчуларына чейин, коштоп жүрүүчүлөрдүн чоң тобу менен келишет. Ошентип камынып жатабыз.

- Жакшы экен. Биз да даярдык көрүүдөбүз. Бирок сиздин тоого телефон чалганыңыз биз үчүн чоң жаңылык. Бул жактан да чыга аласыңарбы? Кечиресиз, Боб, бу кандайча болуп жатат?

- Өтө эле жөнөкөй, урматтуу Арсен! Спутниктик байланыш. Биз космостук орбитадагы жеке өзүбүздүн спутниктик байланышыбыз аркылуу каалаган жерден дүйнөнүн каалаган бурчуна чала алабыз. Ар мезгилде кайда гана жана кайдан гана болбосун. Мына азыр мен сиз менен сүйлөшүп жатам, сиз алыскы азиялык тоолордон жооп берип жатасыз, ал эми силердин ак илбирстериңер, спутниктик байланыш аңчылыктын жүрүшүндө бизге кабылуу үчүн, аларга, жапайы жырткычтарга да кызмат кылаарынан кабарлары жок. Мен муну жөн эле - тамашаладым, кечиресиз.

- Эч нерсе эмес, урматтуу Боб, күлкү ден-соолуктун мүлкү. Бирок илбирстер менен жолугушуу ар кандай болуп кетиши мүмкүн.

- Албетте! Аңчылыкта негизгиси - көбүрөөк олжо. Илбирстер болсо, жолборстор сыяктуу эле - бирден саналуучу товар. Канчалык көп бирдик болсо, ошончолук көп киреше. Араб коноктор үчүн аңчылык - спорт, ал эми биз баарыбыз жана силер баарыңар ийгиликтин болушуна абдан кызыкдар экенибиз түшүнүктүү да. Ак илбирстердин терилери көбүрөөк болсун! Бизге да, силердин "Мерген" аңчылык фирмаңарга да жакшы. Анын ошол замат атагы чыгат.

- Ооба, Боб, албетте.

Өзү: карасаң, маалымат технологиясы эми жапайы жырткычтарга чейин жетиптир, алардын ийиндерин космостон таап алышат деп ойлоп койду. Тоодогу жапайы жырткычтар спутниктик байланыш аларга кызмат кылаарын билсе кана, бар болгону алардын пайдасына эмес.

Басма сөз катчы Роберт Лукас өтө сөзмөр экен, көрүшпөсө да жагымдуу. Бирок иш туурасында да сөз козголду. Шаймандары жана курал-жарактары менен аңчылардын келиши жана аларга кызмат көрсөтүү боюнча ар кандай маселелерди талкуулашты. Коноктордун учагы алардын жогору даражасына жараша - "Боинг-737" жана учкучтары да жогорку класстагы.

Бул маектешүүдөн алынган кээ бир маалыматтарды Арсен Саманчин шеф Бектурга жеткирүү үчүн кол дептерине жазып алды. Алардын жолугушуусу ошол күнү шеф Дасторкон коктусунан келген маалга белгиленген. Ал келээри менен айттырам деп убада берген.

Ага чейин атын көрсөтөбүз жана өздөрүнчө чакан отуруш кылабыз деген Таштанафгандын беш айдоочу менен жолугушуусу болот. Арсен Саманчин үчүн бул жолугушуу алар классташтар болгондуктан гана маанилүү эмес болчу: үчөө - ал өзү, Ташафган жана Саксагай бир класста окушкан, калгандары эки-үч жаш кичүү. Бирок башкысы - алар бардыгы өз кишилер, бир кезде бир мектептин партасында олтурушкан. Баса, мектептин чатыры бир топ жепирейип, эскирип калыптыр, ал жакында өтүп баратып байкады, кандай гана болбосун өз мектеби - дайыма жакын. Бирок бул эми башка иш...

Ташафган менен Саксан-саксагай мектептеги бир туугандык сезими менен гана эмес, ага кийин белгилүү болгондой, башка ой менен келишкен күнү эртең менен, Арсен Саманчин ушуларды ойлоп олтурган, бул жөнүндө ал, албетте, кабарсыз эле. Жолдо келе жатып, Ташафган тамаша аралаш минтип айтты:

- Арсен, досум, эсиңде болсун, биз баарыбыз сенин классташтарың азыр бойдокпуз.

Арсен чын эле таң калды:

- Кандайча, бойдокпуз дегениң кандай? Эмне болуп кетти?

- Токтобо, жүр. Коркунучтуу эч нерсе болгон жок, азыр айтып берем.

А Саксагай түшүнгөн түр менен, бул учурда мылжыйып, башын чайкады:

- Биздин азыр бойдок экенибизди бүт айыл билет, болбосо сени мектепке эмес, үйгө чакырып коноктомокпуз.

- Койгулачы, тамашаңарды!

- Койсоңчу, Арсен. Сен биз үчүн чоң адамсың, кайдагы тамаша? - деп улантты Ташафган. - Азыр мектепте эч ким жок, баары жайкы дем алууда, кароолчуну бүгүн бизге жолтоо болбошун суранып, аракка тыйын бердик. Ал үйүнө кетти. А биз ушундан пайдаланып, мектепте чогулганыбыз оң болот го деп чечтик. Аттарыбыз ошо жакта, короодо. Ал эми биздин бойдок экенибиз мындайча, биздин үй-бүлөлөр - аялдарыбыз, бала-чакабыз азыр тоодо, бийик жайлоого көчүп кеткенбиз. Мүмкүн эсиңдедир, Аксай дарыясынын боюндагы жайыктар, ошол жакта жайлайбыз. Илгерки убактарда эл жай бою ал жакка көчүп барып, жайлоого мал бакчу эмес беле. Эми биз мурдагыдай жайлоого чыгалы деп, үй-бүлөбүз, боз үйлөрүбүз менен көчүп кеттик.

- А эмнеге болбосун? - Саксагай аны коштоду. - Эркиндик! Каалаган жагыма басам. Колхоздо эмеспиз го.

- Андай болбогону абдан өкүнүчтүү. Болуптур эми, бул жөнүндө ананыраак, - деди Ташафган. - Бул жакка болсо, демек, бизди шеф Бектур ага, аңчылыкка чакырды. Айдооч болобуз, иттерибиз бар. Өзүң түшүнөсүң да, Арсен, илбирстерди буйткадан ата тургандай кылып камаш керек, антпесе, аларды ата албайсың - үңкүрлөргө жатып алышат, эгер бир нерсе болсо, кайда башын салганын билип жүрсүн деп адамга кол салышы мүмкүн. Айдооч болуп жүрүп, жол болсо биз деле бир нерсе табаарбыз. Ошентип келип калдык.

- Анан өзүңөрдү убактылуу бойдоктор деп жарыяладыңар! - иштин чоо-жайын түшүнгөн Арсен күлдү.

- Мына эми кайрадан бойдок болгонду токтотобуз, - деп бурк этти Саксагай. - Жайлоого барып мал багабыз, андан эч бир пайда жок. Анткени эч жакта малга эч кандай суроо талап жок. Улам жакыр боло бересиң, болбосо...

Арсен эч нерсе дегенге үлгүргөн жок, Ташафган сөздү бөлдү:

- Болду эми, Саксан, бул жөнүндө анан сүйлөшөбүз. Чындап. А азыр башка тууралу ойлон... - деп сөзүнүн аягына чыкпай токтоп калды. Саксан-саксагай да үндөбөдү.

Ошондо Арсен аларга бүгүн эртең менен Эмираттардан Хасан мырзанын басма сөз катчысы Роберт Лукас телефон чалганын, кантип жана эмне тууралуу сүйлөшкөндөрүн айтып берди. Бул тема жолдошторун мынча кызыктырат деп ойлогон эмес, мектепке он кадамдай калган, алар болсо токтоп алышып, спутниктик байланыш жөнүндө тактап сурай башташты. Алар үчүн бул жаңылык эле.

- Мына шумдук! - деди Ташафган. - Демек, алар өздөрүнүн спутниги аркылуу каалаганда кайда болбосун чала беришет экен да? Биздин тоолордо, капчыгайларда же коктуларда, эч ким эч кимди укпаган кар көчкүнүн алдында жатып да алар Эмираттарга, Европага да, Америкага да чала алышат. Укмуш экен го!

Араб коноктордун учагы алар тоодо аңчылык кылып бүткүчө аэропортто күзөтүп тураары, мунун аларга кандайдыр бир тиешеси бардай болуп, аларды эмнегедир абдан кызыктырды. Ичтери күйүп жатса керек, сыягы.

- Көрчү! - деди чын эле кара чачы далысына чейин саксайып өскөн Саксан-саксагай. - Көрчү! Бүтүндөй "Боинг" учкучтары менен кожоюндарын жайбаракат күтөт. Мен соодагер болуп жүргөндө бир мүнөткө да кечигүүгө болбойт эле, каттамдагы учак кечиккендерге асмандан түкүрчү да, учуп кетип калчу. Бул жерде болсо ушундай ыңгайлуулук. Каалаган учурда - учуп кете берем. Мына байлыктын күчү деп ушуну айт!

Ташафган тактады:

- Ал эми учактын даяр турушу, демек, каалаган убакта коноктор учуп кетиши мүмкүн экен да? Менин атым эле бар - тигине короодо: кааласам - байлап коём, кааласам - коё берем, кааласам - минип алам.

- Демек, - Арсен Саманчин түшүндүрүүгө аракеттенди, - аларда ушундай. Качан керек деп эсептешкенде, учакка түшүшөт. Учак даяр. Учкучтар ордунда.

Ошентип маектешип жатып, алар бир кезде чогуу окуган мектепке келишти, эми болсо тагдырдын буйругу менен бир жагдайга - ак илбирстерге аңчылык кылууга байланып келип калышты. Алыскы өлкөлөрдөн келе жатышкан коноктор да бул жердеги окуяларга аргасыз аралашып калышты. Алар мындайды алдын ала болжошкон эместир.

Көптөн бери Арсен Саманчин өз мектебинде боло элек эле. Мектеп обочороок, айылдан бир аз четте жайгашкан, ары-бери өткөндө көз кырын салчу, бирок өзүнүн өткөн убагына экскурсия менен келем деп ойлогон эмес.

Жылуу сезим жүрөктү аралады - мына мектеби ошол эле бойдон, мейли мезгилден бир аз жепирейсе да, айланадагы бардык чатырлардай эле өңү өчсө да, эшиктери кыйшайып, терезелеринин кашектери кагжыраса да, мектеп баягы эле бойдон. Мына бир кезде жарышып чуркашчу короо, мына коридор, мына класстык бөлмөлөр... Бир жакка кеткен директордун уруксаты менен мектепте чогулууну Ташафган сунуш кылганда, алгач Арсен өзүн ыңгайсыз сезген - адатта үйдө чай ичип олтурушчу - кийин: үй бүлөлөрү жайлоодо, мектеп ээн деп Ташафган аны көндүргөн. Арсен Саманчиндин көңүлү жайланды, алтургай ыраазы болду. Күн да чайыттай ачык, ак илбирстер мекендеген алыстагы ак мөңгүлүү тоо кыркалары менен айланадагы тоонун көрүнүшү баягыдай, ошолордун артынан бул иштер болуп жатат да. Ар түрдүү чымчыктар сабалап учуп жүрүшөт, алар көп, жолтоо болор эч ким жок, ошондуктан ырахаттанып учуп жүрө беришет...

Ташафгандын тобундагы айдоочтордун үчөө, жашыраактары Арсен Саманчинди жылуу тосуп алышты. Аларда тартип бар экени көрүнүп турду. Ташафган аскердегидей буйрук берет: тиги жакка бар, бери кел, ушу жерге тур, алып кел, алып кет, жап, ач жана ушунун баарын алар дароо аткарышты. Бул да жакты Арсенге, адатта айылдык жигиттер ушинтип чогулганда ичип алышат эмеспи, а булар сопсоо болчу. Ушунун бардыгы ишенимдүүлүктүн жана достуктун чөйрөсүн түздү, атына минип, Арсен Саманчин мектепти айландырып ырахаттана бастырды. Ак боз ат күчтүү жана бекем токулган экен. Ташафган өзү урмат менен ат тартты:

- Урматтуу Арсен, мына биз сага кечээ өзүң айткандай атыңды көрсөтүп жатабыз, өтүгүңдү кийгенди унутпаганың дурус болуптур. Тизгинди карма, мин, бул атты чаап арабдар менен жүрөсүң, а биз силерге илбирстерди канча керек болсо ошончо айдап келебиз.

Баары каткырышты.

- Рахмат, - жердештерине ыраазычылыгын билдирди Арсен. - Андай болгон соң арабдар ыраазы болушу үчүн аракет кылам. Бул биздин өзүбүзгө керек.

Эми жүр классыбызды көрөбүз. Кандай кездер эле, кандай мугалимдер! Эмичи? Мугалимдер тарап кетти. А биз болсо илбирстер дүрмөткө илинсе экен деп Кудайдан тилейбиз... Башкалар тигине учак минип аңчылыкка барышат, а биз кызмат кылганыбызга кубанабыз.

Баары баштарын ийкешти. Арсен жан жагын каранды - короодо жымжырт, мектеп ээн, токулган аттар байланып турат, чымчыктар асманда учуп жүрүшөт, ал эми адамдардын жан дүйнөсүндө тынчтык жок. Таң калыштуу эмес: тиги, бу жөнүндө чолуп кечээ Ташафган айтпадыбы, көп кишилер андан да көбүрөөк сындап, көбүрөөк нааразылана ойлорун ортого салышты жана алардыкы да туура го - чынында эле ошондой да... Кайда барба - мамайдын көрү.

Коридор менен ачык калган класстарга көз жүгүртүп баратышканда, Арсен көптөн бери оңдоо иштери болбогонун байкады, мектеп каралбай калган экен, бир гана жаңырган нерсе - парталар, эски, ыңгайсыз, үстүлөрү ачылчу тактайдан жасалган парталардын ордуна эми үстөлдөр жана жөлөнгүчтөрү бар олтургучтар турду. Класстык доскалар да жаңыдай көрүндү...

Ташафган саатын карады:

- Кана, туугандар, саат он бир болду. Убакыт өтүп жатат. Арсен, кел биздин мурдагы классыбызда олтуруп сүйлөшөлү.

- Эмнеге? Жүр андан көрө эжемдикине, шашпай олтурабыз, орун жетиштүү.

- Жок-жок, Арсен, кел азыр тээтиги биздин эски классыбызга кирели, мен бир нерсени түшүндүрүп берем.

- Айтканыңдай болсун, мен силердин коногуңармын.

- Кир. Бири-бирибизге бет маңдай эки үстөлгө олтуралы.

Алар тоо көрүнгөн ачык терезенин жанына олтурушту, унчукпай калышты. Арсен Саманчин анын айылдаштары ээн калган мектепке чакырышып, деги эмне дегилери келгенин азырынча түшүнбөй жатты. Ошондо, баарын бирден кунт коё үңүлүп карап чыгып, терең дем алып, тамагын жасады да, Ташафган, сыягы, күн мурунтан даярдап алган сөзүн баштады:

- Арсен, сага муну айталы дегенбиз, ук.

- Ооба, мен угуп жатам. Эмне үчүн мынча олуттуу? Биз бир уруулаш, өз адамдарданбыз го. Мен билишимче баары эле жайында. Анан дагы баарыбыз эле ушу мектепте окубадык беле...

- Жок, Арсен! Бул кайда окуганыбызга, кайда жашаганыбызга тиешелүү болсо кана... Жок, такыр андай эмес. Сен биздин бир тууганыбызсың, сен биздин коногубузсуң, бирок бүгүн сен биздин колубуздасың, жана биз сени бул жакка эмне максат менен алып келгенибизди айтабыз. Мындан ары эмне болоорун айтабыз...

- Токто-токто! "Мен силердин колуңарда" деген эмнеси? Атты алып келдиңер - рахмат. Бирок мен шаарга кетем, ат болсо калат. Мен өз машинемди минип кетем да.

- Ким билет, кетесиңби же кетпейсиңби.

- Ал эмне дегениң? Ачык айт...

- Ошон үчүн биз бул жердебиз. Сөз курч болот - кекиртектеги бычактай.

- Дагы эмне! Баргылачы ары, силер мени келесоо ойлоп турасыңарбы же сен өзүң, Ташафган, акылыңдан айныдыңбы?

- Ачууланба, сөз мындай болуп кеткенине мен күнөөлүмүн, - жүзү албырган Ташафган ордунан турду, анын жолдоштору да козголуп, шыбыраша түшүштү. Бул учурда тыштан мектептин короосунда жүрүүчү ит капыстан үрүп калды, башта эч нерсеге көңүл бурбаган жолбун ит азыр эмнегедир күчөдү.

- Кана, чыгып карачы! - Ташафган четте олтурган айдоочко буйрук берди. - Эч кимди жолотпо, жакын жерде бир да жан болбосун. Итти ары жакка кубалап жибер. Уктуңбу? Эч ким жакын келбесин.

Таптакыр башы маң болгон Арсен Саманчин ордунан туруп кетип калгысы келди, бирок Ташафган аны токтотту, колун анын ийнине коюп бир нерсе айтайын деди. Арсен анын колун чечкиндүү силкип салып, баары бир кетүүгө умтулду, бирок ошол маалда короодон иттин басылбай үргөнү менен катарлаш ачык терезеден эки чабалекей түптүз бөлмөгө учуп киришти, тынчы кете чыйпылдашты, бир нече күн мурун Арсендин үйүндөгүнүн дал өзүндөй болуп - бир нерсени билдирип же эскерткилери келгенсип - шыптын астында айланып учушту. Арсендин оозу ачылды. Башына капыстан чагылгандай ой келгенде - чын эле бул тагдырдын эскертүүсүбү, чын эле бул баягы кабар жеткирген - чабалекейлер өздөрүнүн пайда болуусу менен бир нерсе айтууга тырышып жатышабы? - ал бушайман боло түштү.

Чабалакейлердин басылбаган чыйпылдагы, алардын баштардын жогору жагында ылдам айланып учушу кишилерди жакшы сүйлөштүрбөдү. Албетте алгач аларды жөн эле кубалап чыгышты, бирок чабалекейлер өткөндөгүдөй болуп кайтып келишти. Аларды кайта кууп чыгышты, анан терезени жабышты, бирок чабалекейлер баарын таң калтырып, терезеге урунуп, тынчсыздана чырылдап жатышты, ага кошумча болуп канча кубаласа да болбой, ит короого кайра келип катуу үрө берди. Ошондо Саксан-саксагай сунуш кылды:

- Жүргүлө, тиги тарапка өтүп алалы, ал жакта класс чаканыраак, бирок тынчыраак болот. Антпесек бул жин тийген чабалекейлер баары бир жанды коюшпайт. Алар ушул тарапта бир жерде уялашат, ошон үчүн чуру-чуу түшүштү. Жүргүлө.

Ошондой кылышты. Бирок Арсен Саманчин эми башка адам эле. Чымырканган, салмактуу, өзүнчө ойго батып алган. Ал айдоочторго да, Ташафгандын өзүнө да каршы сөз айтайын дебеди. Чынын айтса - алар менен эми иши да жок. Жүрөгү алда нени сезди: анын өмүрүндө күнүмдүк бир нерсе эмес, тагдырды өзгөртө турган, атүгүл бир жамандык болгону турат. Бирок эмне? Мындай алдын-ала туюмду чечмелөөгө кимдир-бирөөнүн акылы жетеби?

Алар башка класска которулуп, ызылдаган чабалекейлерден кутулушканда, Ташафган Арсен менен өзү жалгыз маектешүүнү чечти окшойт. Ал өзүнүн айдоочторуна буйрук берген үн менен:

- Уккула, мындай кылалы, биз Арсен экөөбүз бу жерде кепти улантабыз, а силер - макулдашкандай: ар бириң өз ордуңарда болгула жана биздин сөзүбүзгө эч ким жолтоо болбошу үчүн эч кимди жакын жолотпогула. Сен Култай, аттарды кезек менен сугарып кел, мындан алыс эмес жерде арык бар, Чоң таштын жанында, билесиң да.

Анын көрсөтмөлөрү аскердегидей болуп дароо аткарылды. Оогандык такшалуусу көрүнүп турду.

- Эми, Арсен, бул жерде бизди эч ким укпайт, ошон үчүн сени ушу жакка ээрчитип келгенбиз, биз эмне үчүн мындай ишке барганыбызды айтып берейин, - ал Арсенди бир нерсе сурайбы деп күтүп, унчукпай калды, бирок тиги башын гана ийкеди. Ошондо Ташафган улантты:

- Ааламдашуу деген эмне экенин жана аман калуу үчүн, ар кимибиз анын чоорунун астында бийлээрибизди сага түшүндүрө турган мен эмесмин.

- Өтө эле кенен алган жоксуңбу? - оңдоо жасады Арсен Саманчин. - Ааламдашуу - жалпы дүйнөлүк жараян. Ток этер жерин айтчы.

- Мен мээмдин жетишинче түшүнөм. Дүйнөдө эми байлар бар экени - аларды азыр, өзүң деле билесиң, олигархтар деп аташат - жашыруун эмес. Асмандан түшкөнсүшүп. Аларды кудай алсын, бирок кантип түшүнүү керек, эгер Кудай ишкердик кудайы болуп калса, ал эми айланадагы миллиондогондордун баары биригип, бир киши ээ болгондун бир күкүмүнө да ээ болушпаса? Буга кантип макул болосуң? Кыжыр кайнайт.

- Аргасы атаандаштыкта деп божомолдошот, - деп жооп берди Арсен Саманчин.

- Атаандаштык ар кандай болот. Эгер кимдир бирөө күчтүүрөөк жана чириген бай болсо, биз эмне - колду куушуруп отура берелиби? Эмне үчүн тиги бизге келе жаткан араб аңчылар кааласа, баарыбызды түп тамырыбыз менен арзыбаган акчага сатып ала алышат, а биз аларга ак илбирстерди айдап келип бергенибизге эдиреңдеп сүйүнөбүз?

- Сен башка жакка кеттиң, Таштанбек, атаандаштык өндүрүштөн башталат. Мында технология да, жумушчу күч да маанилүү. Алар артта калбоо үчүн өнүгүүнү камсыз кыла алышабы...

Бирок Ташафган сөздү бөлдү:

- Туура эмес баратасың дегениң эмнең? Мен туура эле баратам жана сен да биз менен барасың. Бүттү! Ушул күндөн баштап, эгер жашагың келсе, сен биз менен болосуң, а биз кайтпас болуп чечим кабыл алдык - арабдарды барымтага алабыз. Эмне тиктейсиң? Куру сөз деп ойлойсуңбу? Эч кандай! Алар керт баштары үчүн канча болсо ошончо төлөшөт...

- Токто-токто, мээң ордундабы? Эмне деп былжырап...

- А сен эмне өзүңдү эле акылдуумун деп ойлойсуңбу? Акылдар да ар кандай болот. Биз баарын ойлондук, так эсептедик. Сен дагы, Арсен, эсиңе түйүп ал - өмүрүң өткүчө, канча болсо да, биз менен каласың, сенде башка арга жок. Сыналгыдагыдай, алып баруучу болосуң, биз менен барымтадагылардын ортосунда ортомчу болосуң, биздин аракеттерге багыт берип турасың.

- Эмне-эмне? Жок, сен чын эле акылыңдан айныгансың. Менин кулагыма эмне бул кесмелерди илип жатасың? Ушун үчүн апкелдиңби бу жакка?

- Кам санаба, бизди эч ким укпайт. Кайталайм - алпаруучу, ортомчу болосуң. А биз сени менен өмүр өткүчө сыймыктанабыз.

- Сен эмне деп мага келжиреп жатасың? Эгер Ооганстандан ушинтип тилиң менен буудай кууруганды үйрөнсөң - аныңдын мага кереги жок. Кеч боло электе оозуңду жап да, бул сандыракты унуткула. Анан кантип ушундай нерсе башыңарга келди? Эл аралык чыр-чатак баштагыңар барбы? Шаарлардагы эркиндикти, демократияны жактаган көчө жүрүштөрү силерге азбы? Анын үстүнө башкаларды да ойлогула - силер эмне "Мерген" фирмасын жардан ары түрткүңөр келеби? Барымтага алуу биздин салтта жок. Ойлонуш керек да!

- Туура, ойлонуш керек - эл аралык чыр-чатак баштоого болбойт, "Мерген" фирмасын жок кылууга болбойт, дүйнөлүк миллиардерлердин кекиртегине бычак такаганга болбойт, а бизди жакырчылыкка тебелөөгө болобу? Биздин балдарыбызды билимсиз калтырууга болобу? Бизди дарылабай таштоого болобу? Жашоодо ушундай болот: байлардын байлыгы мухитке батпайт, ал эми жакырлардын жардылыгы мухитке сыйбайт. Салт тууралуу болсо - сен жаңылышасың, Арсен. Демек, уламыштарда барымтадагылар үчүн төлөм алгандар айтылганын унутупсуң да. Үйүр-үйүр жылкы, короо-короо кой-эчки айдап келишкен - ошентип чырды чечишкен, ошентип байлык бөлүшүшкөн.

- Минтип көпкө чейин ой жүгүртүүгө болот, Ташафган. Кечээ сенин ойлоруң мага жүйөлүү болуп көрүнгөн, бирок кара ниет оюңа кошула албайм.

- Кандай ойлосоң өз ишиң, Арсен, аны менен мени таң калтырбайсың. Бирок барымтага алган биринчи мүнөттөн тартып, алар менен сен иш алып барасың, бешөөбүздүн эч кимибиз англисче бир да сөз билбегендиктен, менин көрсөтмөлөрүмдү аларга айтып турасың. Билбей калганыбызга биз күнөөлүү эмеспиз. Биз курал менен тегеректеп турабыз калганын, Арсен, сен кыласың. Биздин багыбызга келаткан аңчылыкты сүйүүчүлөрдү үңкүргө камайбыз, биздин талап - ар бирөөнөн он миллион доллар, жалпы сумма - жыйырма миллион экенин сен аларга жарыялайсың. Биз бешөөбүз, сени менен алтоо болгондуктан ар бирибиздин үлүшүбүз - үч миллион үч жүз миң доллар. Бул бизге үч тукумубузга жетет. Сени билбейм. Мүмкүн үйлөнөөрсүң, анан бардык эркектер өңдөнүп өз катының менен жашайсың? Анан сага Кудай тукум берсе экен.

- Болду жомок айтпай. Эсиңе кел, Ташафган, жакшылыкча ойлон. Сен тим эле мен макулдугумду берип, сенин буйруктарыңды аткарууга даяр тургандай сүйлөйсүң да. Эч качан, эч кандай акча үчүн мындай ишке барбайм. Мен террорист эмесмин.

- Биз да террорист эмеспиз. Жыйырма миллион колубузга тиери менен - алар үчүн бул эки тыйын сыяктуу - арабдар бошотулат. Сен да бошсуң. Бирок кайда барат элең? Ал жөнүндө анан...

- Мен азыр деле бошмун. Жана сенин тобуңда алтынчы болбойм. Бүттү, сөз бүттү. Жөн эле оозуң менен орок оро бергенде эмне...

- Жаңылышасың, сен эми бош эмессиң. Ушул мүнөттөн тартып сен бизде алтынчысың.

- Эгер каалабасамчы?

- Каалабасаң - бул жерден чыкпайсың. Көрүң ушу короодо, бурчтан ары, жалпы даараткананын жанында болот. Ломдор менен күрөктөр дайын. Беш мүнөткө жеткизбей көөмп таштайбыз. Куралыбыз да даяр. Бекеринен Ооганда менин өмүрүмө доо кетиришпеди, мен да далайларды майып кылдым. Бизде алтурсун үнү чыкпас тапанча да бар. Менин шериктеримдин баарысы ар кандай куралды колдонууга үйрөтүлгөн, ал эмес гранотометту да билишет. Мен болсо бул иште - чебермин, мактанбайын. Кыскасы, сен бул жерден келгениңдей кете албайсың. Биз сени жек көргөнүбүздөн эмес: өзүң түшүнөсүң, башка айлабыз жок. Сен бизге байланып калдың. Биз террорист эмеспиз, биз жөн гана дүйнөлүк капиталдан өз энчибизди алып жатабыз, ошол гана.

- Жетишет тажадым, мен кеттим.

- Токто! Өз классташымдын баш кесери болууга мени аргасыз кылба.

- Ооба, мен да азыр ошо жөнүндө ойлодум. Ушу жерде сабакта олтурганыбызда, танапис учурунда жарышып чуркап жүргөнүбүздө, көп жылдардан кийин ушундай болот деген оюбузга келет беле? - Арсен Саманчин ордунан турду, терезеге барып, илгичтерин ачты.

- Эмне, ысыдыңбы? - деп сурады Ташафган.

- Ооба, аба жетпей жатат, - деп жооп берди Арсен. Бирок терезени ал таза аба киргизүү үчүн эмес, чабалекейлер дагы учуп киришеби деген үмүттө, алар аны куткарчудай сезип ачты. Бирок убакыт өтүп жатты, алар кайра пайда болушкан жок. Сыягы, тагдыр башка жолго түштү көрүнөт. Ал эми Ташафган, анын барган сайын ырайымсыз болуп бараткан көз карашынан байкалып тургандай, ого бетер өз өжөрлүгүнө таянып, алды-артын карабай сүйлөдү:

- Сен ойлонбо, уксаң, биз андай деле мээсиз макоолор эмеспиз, сенин макул болбосуңду, мындай ишке эч нерсе үчүн барбасыңды билгенбиз. Сен үчүн бул кылмыш да.

- Дал ошондой! - деп кескин айта салды Арсен Саманчин. - Ойлонулгандан тартып кылмыш!

- Мейли ошондой болсун. Каалаганыңдай ойлой бер. Бирок биз баары бир муну ишке ашырабыз. Жана сен да биз менен - же өз ыктыярың менен бир катарда, же айыптуудай мойнуңан байлатып барасың - өзүң танда!

Арсен Саманчин үстөлдү бир муштап, мектепте айтылчу: "Дамбалың башыңа кептелип калсын!" деген сөздү кыйкырып жибере жаздады. Бирок өзүн карманды.

- Эгер такыр болбосомчу?

- Үстөлдү чапкылаба. Кандай гана акылдуу болбогун, бизди айныта албайсың. Азыр ушу жерге Кудайдын өзү түшүп келсе да, биз оюбуздан кайтпайбыз. Ойлоно турган да эч нерсе жок! Асмандан түшүп жаткан өз үлүшүңдү коё берип жиберүү үчүн акыркы акмак болуш керек. Жыйырма миллион жолдо жатпайт!

- Жолдо жатпайт. Бирок кайдан, Таштанбек, сен жакшы жигит кезиңде атың ушундай болчу - сен кайдан бул сенин үлүшүң экенин билдиң? Бул деген кадимки эле талап-тоноо жана уурулук да. Кайда баратасың ойлон!

- Баарыңар, жыйырма биринчи кылымдын илимдүүлөрү жана үйүрдүн алдында сен өзүң бараткан жакка. Дүйнөлүк байлыктан ар кимдин өз үлүшү бар, ошол жанагы Ааламдашууда.

- Мээңден адашкансың го, Ааламдашуунун бу жерге кандай тиешеси бар? Бул таптакыр башка нерсе. Түшүндүрүп отурбайм, убакыт тар. Бирок сенин "Ааламдашууң" - жапайы бир нерсе!

- Биздин өз түшүнүгүбүз бар, кабатырланба.

- Бар болгондо кандай? Ар бир банкирди эмне үчүн менин байпагым жыртык деп колкодон алып силкүүбү?

- Муну кара! Банкирлерди коргойсуңбу?

- Деги мен экөөңөрдү тең бир кайыкка олтургузуп, силер ушунчалык баалаган Ааламдашуунун көбүргөн толкунуна салып жиберет элем.

- Ошондой де! Ал мени менен бир кайыкка олтурбайт. Ага эмне кереги бар - анын эки миң кишилик жеке кемеси бар. Байлардын өз Ааламдашуусу бар - бар байлыктын баарын түп тамыры менен өзүнө жыйнап алуу, а биздики башка, бөлүү жана ылайыгы келген жерде өз үлүшүбүздү жулуп алуу. Арабдарды тоодон кармап алып, өзүбүздүн барымтабызды сыгып алганыбыз - биздин укугубуз.

- Кулак салчы, Таштанбек-афган, мен билем сен келесоо эмессиң го, ушундайды кантип айтып жатасың? Укук! Эмнеге болгон укук? Талап-тоноо укугубу? Эч нерсе түшүнбөйм.

- Түшүнбөсөң кой! - мурдагы калыбында терезени карап турган Арсен Саманчиндин артынан айтты Ташафган. А тиги далысын сала кобуранды:

- Жетишет мага сенин түшүндүрмөлөрүң. Мындан ары уга албайм.

- Уга аласыңбы, уга албайсыңбы, эмнеси болсо да токто, ойлон ансыз, Арсен, сага жол жок. Сен капканга түштүң. Бирок сен жалгыз эмессиң, биз баарыбыз капкандабыз. Эми артка жол жок. Тоногучтарбыз дейсиңби? Эстечи: биздин ата-бабалар эгер кошуналары аларга жайыттар үчүн, дарыялардагы суу үчүн төлөбөсө, барымта алышчу - алардын кишилерин барымтага алып, үйүр жылкы, мүйүздүү мал, короолоп кой-эчки алышчу. Азыр мамиле башка. Бизди каалаганыңдай ата - бандиттер, каракчылар, уурулар - бизге бу, силер шаардыктар айткандай, баары бир. Биз экөөбүз бири-бирибизди сыйлай алабызбы же сыйлай албайбызбы, чыдай алабызбы же чыдабайбызбы - бул дагы бизге баары бир. Сенден бир гана нерсе талап кылынат - тиги өз акчаларын кайда чачаарын билбеген аңчы-миллионерлер бул жерде пайда болгон биринчи мүнөттөн тартып, сен менин буйругумсуз бир да кадам жылбайсың. Мени шеф Бектурдун айтканын аткарып жүгүрүп жүрөт экен деп ойлобо. Эми биздин өзүбүздүн аңчылыгыбыз бар - бадалдарды, жарларды шимшилеп жүрүү, илбирстерди атууга айдап чыгуу, ал аңгыча, мерген-ханзаадалар мээлеп, көзгө атарлары менен жырткычтарды дүрмөткө алганча, биз алардын өздөрүн кармап алабыз, үңкүргө камайбыз да барымта талап кылабыз. Кимге эмне, дегендей... Угуп атасыңбы, Арсен? Мен мунун баарын куру бекер эмес, сени билип алсын деп айтып атам. Мындай ийгилик түшүңө да кирбейт, бул жерден Кудай өзү жулуп кал дейт... Түшүн, бизге боор оору. Жана өзүңдүн котормочулук кызматыңды дагы коноктор сага толук ишене тургандай кылып аткар. Ошондо аларга көмөктөшүп жатып, бизге да кызмат кыласың, биз аларды үңкүргө киргизген соң - бардык үмүт сенде болот, угуп жатасыңбы, Арсен, менин айткандарым жетип жатабы сага?

Арсен жооп берген жок, ал башын жерге салып, терезенин жанында турду.

- Сен шылкыйба, уксаң. Бешөөбүзгө сенин биздики, айылдык болгонуң абдан жакшы болду. Сен бизди түшүнөсүң, биз - сени. Дагы бир жакшы жери, коноктордун мындай спутниктик телефондору бар. Алар үңкүрдөн үйлөрүнө чалганда - бул болсо дээрлик Африканын тушу - биз сен аркылуу алардын сүйлөшкөндөрү тууралуу билип турабыз. Анан аракеттерибизди ошого жараша өзгөртөбүз. Сенсиз биз эч нерсе кыла албайбыз... Жеттиби, акыры? Эмне унчукпайсың, Арсен?

- Менде сөз жок, - деп жооп берди тиги. Анан экөө тең унчукпай калышты.

"Дүйнө ордундабы?" Балачагынан көп жолу айылдаштарынын оозунан ар кандай турмуштук жагдайларга карата уккан бул сөз, азыр аргасыз эсине түштү. Ооба, сыртынан дүйнө ордунда эле болчу, ал ушундай таң калаарлык жол менен келип калган мектеп дагы. Ооба, айлана-чөйрө кандай болсо ошондой калыбында кылымдар бою кала бериши мүмкүн. Бирок ички дүйнө, адамдын жан дүйнөсү, ошол эле учурда, ал өз башынан өткөргөндөй, толук талкаланышы мүмкүн экен. Ошон үчүн кимдир бирөө кайра-кайра суроо берет: "Дүйнө ордундабы?"

Ошол кооптуу кырдаалда да - башына кызыктай ойлор келип жатты, азыр Кайып колукту кайда болду экен, ал дүйнө ордунда эмес экенин билеби? А бул жөнүндө Айдана Самарова тынчсызданды бекен, кабары барбы? Күмөн, анын албетте, убактысы жок. Ал эми "дүйнө ордунда эмес" экенинен шек албаган тоо жаныбарлары, аларды бир нече күндөн кийин эмне күтүп турганын билишеби? Ушул чайыттай ачык күнү илбирстер адам буту баспаган кар күрткүлөр менен өздөрүнүн токойлуу корук жайларында кезектеги олжосуна көз салып, ары-бери жойлоп жүрүшкөндүр, ургаачылары болсо "дүйнө ордунда эмес болуп калганынан" кабарсыз төлү менен күнгө кактанып жатышса керек.

Алардын үстүнөн жуп-жуп болуп, ашыкча кыйкырыксыз, токтоо жана ызы-чуусуз тоо шумкарлары учуп жүрүшөт. Тоолордун үстүндөгү бийиктиктен алар эмнени карап, эмнени күтүп, эмнеден алдын-ала кабар берип жатышат болду экен?

Дүйнө ордунда болбой калганын жана алар буга чейин али көрө элек алаамат болоорун жана аны адамдар алып келээрин...

Дагы бир ой аны түйшөлттү: мына оң жагында эки кадам арыда мурдагы классташы Таштанбек - Ташафган турат. "Дүйнөнүн ордунда эмес" экенине ошол күнөөлүү жана аны өтө ырайымсыз сезим менен жек көрүү керек эле, бирок эмнегедир Арсен Саманчин анын ушунчалык кылмыштуу ишке өзүнүн тууралыгына чексиз ишенүү менен бет алганы үчүн аяп жатты. Ал башка бир нерсе менен алектенсе го, бирок кеч болуп калды, байкашынча, поезд кетип калды. Жыйырма миллион доллардын сыйкыры миңге жакын бакшынын ак урганынан алда канча күчтүү.

Анын оюн окуп жаткансып, Ташафган жымжырттыкты бузду:

- Укчу, Арсен, чачың агарганча ойлоно берүүгө болот. Бирок канча ойлонбо - сенин башка аргаң жок. Сен босогону аттадың, эми өзүңдү аман алып кал.

- Эмне үчүн сен ким жашап, ким жашабай турганын чечесиң? Мындай укукту сага ким берди?

- Анткени сен эки гана жолу бар абалдасың: же сен биз мененсиң жана биз баарыбыз сени кошуп өз үлүшүбүздү алабыз - же сен кетесиң жана бизди сатасың. Анда сага ачык айтайын - өлүм менен кек алабыз. Сенин тирүү калышыңды биз абдан каалайбыз, бирок өзүң чечесиң.

- Эмне эле улам үлүш жөнүндө айтасың? Кайталайм, бул эч кандай үлүш эмес. Бул карактоо жана кылмыш.

- Болду, жетишет! Согушта аракет кылган гана адам жеңет. Мен Ооганда болдум жана ал жактан кээ бир нерсени үйрөндүм. Биздин аракеттерибиздин планын кунт коюп угуп тур. Белгилүү мерген коноктордун учуп келиши, тосуп алуу жана башка сылыктыктардын бизге, бешөөбүзгө тиешеси жок. Биз баягы тезек терген кызматчылар сыяктуу, от жактык - анан ары кетип калдык. Бирок ошентсе да биз атчандарбыз жана ат үстүндө өзүбүз-өзүбүзгө кожоюнбуз. Сен, Арсен, коноктор менен күн-түн болосуң. Ак ниетиң менен иште, биз жөнүндө ойлобо, биз өзүбүз силердин төбө чачыңар тик тургудай кылып эсиңерге салабыз. Айла жок. Башкача болбой жатат. Бирок чабуулга белги берилгенде, ал белгини мен берем, сен даяр болушуң керек, биз бир катардабыз. Келгенден кийин сыйлуу коноктор сенин байкең Бектурдукунда бир аз эс алышат, а эртеси Коломто конушуна келишет, ал болсо бийик тоодо. Жолдун жарымын - Бектурдун жибинде жана башка машинелер менен өтүшөт. Ал эми жогору карай ат менен. Баары ойлонулган, баары камдалган, аттар токулган болот, аларды даяр кармап турушат. Сен түшүн, Арсен, мунун баарын кырдаалды бирдей түшүнүү үчүн айтып берип жатам. Сенин котормолоруңсуз биз эч ким эмеспиз, бирок бизсиз да иш ордунан чыкпайт. Кантип, кайдан жана качан колго түшүрөбүз? Кандай жол менен барымта сурайбыз? Ушуну да билгиң келет да? Ошондойбу? Эмне сүйлөбөйсүң?

- Билбейм. Анан айтам.

- Ошол анда, алгач мен сага бизде эмне бар экенин айтып берейин. Курал - эң мыкты, аткычтык, бул түшүнүктүү да. Жолборско эч ким куру кол барбайт, ак илбирс тоодо бардык арстан менен жолборстон да коркунучтуу. Карасаң, бардык эле цирктерде жолборстор, арстандар, карышкырлар жана башка жырткычтар айткандын баарын жасашат, ал эми машыктырылган ак илбирстер бир да циркте жок. Анткен менен илбирс териси абдан бааланат, өзүң билесиң, ошон үчүн кагаздарда жазылгандай "бийик тоолуу ак сөөктүк" иш баштадык. Бар болгондору үчүн илбирстерге рахмат! Эмне мелтирейсиң? Мейли сүйлөбө, мени көп сүйлөйт деп ойлоп жаткандырсың. Бирок өз ишиңди эч жерден мүдүрүлбөй тургандай болуп билүү зарыл. Кээде кумурскага да чалынгандар болот, а пил качып кетет. Сенин күлкүң келген жокпу, Арсен?

- Азырынча жок.

- Эми кантип, кайдан жана качан колго түшүрүү керек экени жөнүндө дагы бир нерсе. Бул иште бир маселе бар - эсиңде болсун, алыскы аралыктан сүйлөшүү үчүн, тоо аңчылыгына Кувейттен бир нече катуу сүйлөгүчтөрдү жиберишкен, телефондор бул жакта тартпайт, анан ушинтип айласы табылды: тоодон тоого кыйкырышып турабыз - аянттардагы демонстрациялар мезгилиндегидей, сыналгыдан көрсөтүп калышат го. Бул катуу сүйлөгүчтөрдүн дагы бир аталышы бар эле. Айтсаң?

- Рупор.

- Жок, дагы башкача.

- Мегафон.

- Туура. Сенин жеке рупор-мегафонуң болот. Биздин ар бирибиздики бар, ат чаап баратып рупорго кыйкырабыз. Аңчылык убагындагы ар бир сүйлөшүүнү жана буйрукту дароо англисче жана англисчеден которосуң. Илбирстер эч жакка качып кутула алышпайт. Дүлөй болуп калышат го. Айтайын дегеним - бардыгы сенин колуңда. Эмне эле, сөз бар эле го ушундай - жексур, муну-муну кылбасаң муунтуп салам деген?.. - Ташафган чекесин тырыштырды. Арсен Саманчин тиги ультиматум жөнүндө айтып жатканын түшүндү бирок айткысы келбеди. Бирок айтууга туура келди.

- Ультиматумбу?

- Албетте. Тилимдин учунда эле турду, эстей албай койбодумбу. Азыр тамашалай турган убак эмес, бирок биздин бир жаш акын минтип ырдаган: "Менин атым Ультиматум, аны минип чапкылайм. Алдымдан чыккандар, жыгылгыла бутума". Болбогон сөз албетте, бирок "менин атым Ультиматум" дегени мага жакты. Бирок бул жөн эле, сөзгө аралжы. Демек, негизгиси - ультиматум, барымтадагыларды дароо эстерин оодара чапкандай кылыш үчүн. Биз аларды үңкүргө айдап кирип, куралдарын тартып алабыз да, жылаңайлак калтырабыз - эр болсоң аскадан жылаңайлак жүгүрүп көр... Дагы эле, Арсен, сени түшүнүп алса дейм: же биз өзүбүздүн жыйырма миллионубузду алабыз - же мен үңкүрдөгү жөө аскерлерге каршы минаны жардырам, ал ошо жакка орнотулган.

- Сен үңкүргө мина койдуңбу? - Арсен Саманчин таң кала кыйкырып жиберди.

- Ооба, мен Ооганда ушуну менен иштегем. Бул менин ультиматумум! Жыйырма миллион жибересиң - чыгасың, антпесе - жарылат да, баары жер менен жексен болот! Сен эмне антип карайсың? Менин акыл-эсим ордунда эле, өзүң билесиң, бирок мындай мүмкүнчүлүк биздин тоолордо бир гана жолу берилет, андан кийин эч качан андай болбойт. Илбирстер ашуунун ары жагына качышат. Болуптур, ишке жакыныраак. Эмне үчүн баары сенин колуңда деп жатам? Анткени катуу сүйлөгүч менен бардык буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү англисче да, биздикиче да жана албетте, жашы-карысы дебей баары билген орусча да айтып турушуң керек. Негизи эки адам гана аңчылык кылат - коноктор, сен - дайыма алардын жанында, биз атчан бешөөбүз - эки четте, калган кызматчылар артта. Ошондо сенин байкең олжо жибере көр деп Кудайга жалынат. Мейли жалына берсин, а биз ошол учурда, Арсен, сени менен чогуу, менин буйругум боюнча конокторду үңкүргө камайбыз, куралсыздандырабыз, жана эң башкысы - туткундар үчүн акча, биздин барымта биздин алдыбызга, үстөлгө дегендей, жыйырма төрт сааттын ичинде накталай коюлсун деп талап кылабыз. Ультиматумдун аткарылышына бир сутка берилет. Убакытты узартпайбыз деп дароо айтабыз. Же акча накталай - же баштар "накталай". Мына сен, Арсен, унчукпайсың, мунун баары сага жакпайт, түшүнөм, бирок чынында билгиң келип турган нерселерди түшүндүрүп берем, - Ташафган чын эле көп нерсени туюп жатты. - Сен муну иш жүзүндө кантип жасоого болоорун билгиң келеби? Мына минтип. Алардын жакынкы чыгыштык казыналарында жайы- кышы, күнү-түнү дебей сейфтерде миллиарддаган накталай акчалары сакталат. Жыйырма миллион доллар алар үчүн - бир түкүргөнгө барабар. Акчаларды беш мүнөттө беш миллиондон топтоп, алтымыш сексен беш көлөмүндөгү төрт кутуга салышат. Ар бир кутунун салмагы жыйырма киллограмдан болот, баары биригип сексен киллограм. Кантип алып келишет? Учак менен тогуз сааттык жол. Алар буйрук беришет - баары дароо аткарылат. Тоодо үңкүрдө олтуруп мындай маалыматты кандай ыкма менен берүүгө болот? Өзүң билесиң - алардын жанында такай болуучу жана кайда кааласаң - дээрлик космоско чейин чалууга боло турган спутниктик телефондору аркылуу. Телефон чалууларды өзүң көзөмөлдөйсүң, дайыма жандарында бол, эч жакка жылба. Сен дагы эле тунжурайсың, Арсен, бул чатактуу да эмес, тим эле болуп көрбөгөндөй кылмыштуу ишке аралашкың келбейби? Бирок мен баарын ойлонуп, эсептеп койгом, өзүң көргөндөй, сөзсүз көздөгөнүмө жетем. Каалаганыңдай ойло, бирок менин буйруктарымды кың дебестен аткарууга мажбур болосуң. Ал үчүн натыйжада өз үлүшүңдү аласың. Сен үчүн жийиркеничтүү деп чечсең - бизге берсең болот, биз баш тартпайбыз. Ал өз ишиң. Дагы эле унчукпайсыңбы? Эми сенде максатка жетүү мүмкүн экенинен кенедей да күмөн калбашы үчүн дагы айтаарым, конокторду үңкүргө камай турган учур да ойлонулган. Биринчи аймакта, Коломтонун жанында, алар үңкүргө жакын жердеги капчыгайга айлананы көрүп тура тургандай болуп жайгашышат. Биз бешөөбүз ошол тапта - ишке ашат деп ойлойм - биз көптөн бери байкаган жана өз ара "чоң баш-туу куйрук" деп атаган бир ак илбирсти жакыныраак айдап келебиз. Абдан зор көлөмдүү, башы толгон ай сыяктуу, куйругу артка кайрыса ыйык жалына чейин жетет... Жай бою жырткыч алда нени күткөнсүп, Үзөңгүлөш ашуусунун алдында каңгып жүрөт. Мына ошону биринчи кезекте айдап келебиз, колдон келсе, катуу чуркабашы үчүн бир аз жарадар кылып да коёбуз. Анан ошол Жакынкы Чыгыштын байларын койчулар жайытка бара жатып түнөөчү үңкүргө камоого даяр турабыз. Ошол жакта бир аз олтура турушсун. Мына ошондо, Арсен, каалайсыңбы, каалабайсыңбы, эң жооптуу тапшырманы аткарууга туура келет. Биздин ультиматумду конокторго сен жарыялайсың. Биз үңкүрдү автоматтар менен курчап алабыз да, кайтарабыз. Жигиттерди мен даярдадым, а сен ханзаадаларга алардын ар бири жыйырма төрт сааттын ичинде он миллиондон төлөсө гана тирүү калышарын айтасың. Андан соң дароо үңкүрдөн чыгасың жана мегафон менен үнүңдүн болушунча адегенде англисче, андан кийин бизче араб коноктор барымтага алынганын, аларга барымта төлөө шарты айтылганын - баасын айтпайсың - кыйкырасың жана өзгөчө абал жарыяланарын айтасың. Эч ким - жергиликтүүлөр да, келгиндер да ордунан жылышпасын, үңкүргө жакындоого кенедей эле аракет көрүлсө ок атылат, эч кимди аябайбыз. Эгер жыйырма төрт сааттын ичинде талаптар аткарылбаса...

Мурдагы классташынын кооптуу ойлору, максаттары жөнүндөгү сөзүн угуп олтуруп, Арсен Саманчин өзүн араң карманып жатты. Бирок башталып калган ишти токтотуу эми мүмкүн эмес эле. Ташафганга наалат айтып жатып, ал - таң калыштуусу - ошол эле учурда туткундарды барымтага алуу боюнча жөнөкөй эмес операциянын ушунчалык кылдат түзүлгөнүнө таңданбай коё албады. Эски досунун жандуу жаңсоолору менен чечкиндүү күйгөн көздөрүн карап туруп, ушундай эрк жана ишеним жакшылык ишке багытталбаганына өкүндү. Ошол маалда Арсендин мээсине дагы башка коркунучтуу жана кызык ойлор келип жатты. Тиги каргыш алгыр Эрташ Курчал да ошол үңкүрдө туткундар менен болуп калса жана жөн эле болуп калбастан, Арсен өзү аны жамбашка тепкилеп киргизсе деп самады. Минтип ойлоо уят, кемсинтээр жана олуттуу эмес болчу, ошентсе да ойлоп жатты. Анан Кайып колукту менен Айдана Самарованын жолун устун менен торогон бул наадан, жек көрүмчү шоу-ишкер үрөйү учуп өкүрсө, андан эч кандай барымта, бир да тыйын алынбайт - чекесине атылган окту күтсүн... Тымызын ой да келди, чабалекейлер бекеринен үнүн баспай чыйпылдашпаптыр - эскертүүгө далалат кылышкан. Мына эми ишке ашты... Күлкүлүү жана өкүнүчтүү... Кайдасыңар эми, чабалекейлер?..

Күн түштөн ооп баратты, Ташафган болсо эч токтоно албады - мүмкүн, бул өз пикиринин тууралыгына өзүн ишендирүү жана өзүн дагы бир ирет ынандыруу аракети болсо керек, эми ал барымтага алуунун натыйжалары туурасында сөз козгоду.

- Мына сен, балким, Арсен, булар акчаны алууну гана самап жатышат, андан кийин төрт кутудагы долларлар менен кайда бараарын билишпейт деп ойлоп жатасың. Барымтадагылар боштондукка чыгаары менен даяр турган спецназдар бизге жабылышаары турган сөз да. Сарсанаа болбо, Арсен, бул да ойлонулган. Бизде жети саат ортолук убакыт бар. Ортолук убакыт деген эмне жана эмне берээрин билгиң келеби?

- Түшүндүрүүгө аракет кылып көр. Бул сүйлөшүү мени жадатса да. Менин сени менен такыр башка нерселер тууралуу сүйлөшкүм келет. Сен болсо казып алган чуңкуруңа кирип алып, ал жактан айланаңдагы эч нерсени көрбөй аткылайсың.

- Эгер сен айткандай, мен чуңкурда болсом, эми сен да биз менен ошол чуңкурдасың. Чогуу коргонобуз. Ал эми ортолук убакыт жөнүндө мен сага буларды айтам. Биз максатыбызга жеткенде, Коломто капчыгайына, үңкүргө эң жакын жерге араб коноктор үчүн барымта алып келишкенде жана биз баары жайында экенин текшерген соң сен дөбөгө катуу сүйлөгүч-мегафонуң менен чыгасың да, баарына угуза англисче жана биздин тилде биз жети саатка ортолук убакыт жарыялаарыбызды кыйкырасың. Туткундар үңкүрдө аман-эсен, тамак-ашы, суусу менен калышат, а биз өз жолубуз менен кетебиз. Ушул убакыттан баштап жети саат өткүчө үңкүрдөн чыгууга жана кирүүгө тыюу салынаарын, анда өзгөчө саат механизми бар чечен минасы коюлганын жана ал жети сааттан кийин гана коопсуз болоорун билдиресиң. Бул маалыматты үч ирет кайталайсың. Бул биздин акыркы сөзүбүз болот. Күтүшсүн, биз ал учурда эки атка эки кутудан тар куржундарга артынып (алар да даяр), кетип калабыз. Аттар да дайын - шеф Бектурдун аттары мыкты. Бул тиги арабдардан тартып алынган аттар. Анан баарыбыз жүк артылган аттарды жетелеп, ылдам Үзөңгүлөш ашуусунун ары жагын бет алабыз. Жолдордун бардыгы жакшы изилденген. Коркунуч жок. Аңгыча ашуунун алдында жайлоодон кайткан биздин үй-бүлөлөрүбүз күтүп турушкан болот. Ал да макулдашылган. Андыктан кабатырланба.

Арсен Саманчин үндөбөдү. Бул кара өзгөй, бирок мыкты түзүлгөн кыйраткыч планды канчалык терең түшүнгөн сайын, өзүнүн аргасыздыгына ошончолук көзү жетти. Таштанафгандык бешилтиктен жөнөкөй баш тартуу, алардын иш аракетине катышууну каалабагандык менен кутулуу мүмкүн эмес, анткени ага өз пландарын айтуу менен бирге алар тозокко чогуу кирүү алдында аны колдон-буттан байлашты.

- Сен анча бушайман болбо, - деди Таштанафган. - Тобокел бар, бирок иш ошого татыйт. Мен сени бул ишке алдабастан, баарын ачык айтып чакырып жатпаймынбы. Тоодо көчкү түшкөндө - баары аны менен чогуу туңгуюка кулайт жана бир нече чымчык гана учуп кетип аман калышат. Мүмкүн ошол чымчыктар биз болорбуз.

Арсен Саманчин ийиндерин куушурду:

- Мен эч нерсени такып сураган жокмун. Айтканыңдай болсун. Бирок мен өзүмчө ойлойм.

Ошол маалда анын колтелефону шыңгырады. Экөө тең селт эте түшүштү. Арсендин англисче жооп бере баштаганы Таштанафганды ого бетер шектендирди, ал бир нерсе түшүнчүдөн бетер, жакыныраак жылды жана үнү да, кебетеси да, капыстан жанданып, мурдагыдай өзү менен өзү боло түшкөн Арсендин жүзүнө кунт коё үңүлдү. Маектешүү беш мүнөткө созулду. Телефонду өчүрүп, ал: "Ооба, Боб! Болуптур, Боб!" деп атаган атты гана түшүнгөн Таштанафганга Хасандын басма сөз катчысы Роберт Лукас чалганын жана бул "Мерген" фирмасынын кеңсесинде факс менен тастыкталарын, 15-июлда үч адамдан турган даярдоо тобу учуп келээрин маалымдаганын айтты, алар бийик тоолуу, кардуу аймак үчүн жаңы үлгүдөгү альпинисттик уктоочу мүшөктөрдү жана башка аңчылык куралдарын алып келишет. Жана дагы ошол эле учак менен болочок кинотасма үчүн айлана-чөйрөнү жана аңчылыкты тасмага түшүрүү үчүн эки кинооператор келмек болгон.

- Мына көрдүңбү, иш башталды, - иштиктүү үн менен айтты Арсен. - Бүрсүгүнү Олуя-Атага, аэропортко жөнөө керек, бул жөнүндө шеф менен сүйлөшөбүз. - Таштанафган менен сөздү тезирээк бүтүрүү аракетинде ал класстык бөлмөдө ары-бери басты да, терезеге кылчайып, ойго бата кошумчалады:

- Таштан, убакыт бүттү, мен шеф менен эртерээк жолугушушум керек.

- Ал Дасторконго кетпеди беле, келе элек болсо керек.

- Жакында келип калыш керек, - деп Арсен Саманчин бүдөмүк кобуранды. - Негизи эле, сен экөөбүз жетишээрлик талкууладык го дейм. Иш менен алектениш керек.

- Керек, керек, албетте. Бирок ар кандай иштердин арасында эң маанилүүсү болот. Сенде эч бир күмөн саноо калбаш үчүн акырында айтаарым, Арсен, бардыгы биздин план боюнча жүрүшү керек, ошондой гана. Оюңда эмне бар - өз ишиң, бирок менин буйруктарымды аткарууга даяр турууга милдеттүүсүң - бул өлүм алдындагы акыркы мүнөт сыяктуу. Мени көп келжирейт деп ойлобо! Мен эмне келесоо белем! Мен өз акылымда жана күчүмдөмүн. Эми сен биз менен байландың. Мен сени кемсинткен жокмун, тескерисинче, адам катары сен менден чоңурааксың, олуттуурааксың, бирок мезгил ушундай - менин буйруктарым токтоосуз аткарылышы керек. Баш тартууга кеч болуп калды. Биз сени бул жакка, айылга чакырган эмеспиз, өзүң келдиң. Жана эсиңде болсун: биз кылмышкерлер эмеспиз, эртеңки күнү бардыгы үчүн биз ошондой болсок да, биз жөн гана өз үлүшүбүздү тартып алып жатабыз. Башка арга жок.

- Болуптур, - анын сөзүн бөлдү Арсен Саманчин, - көрдүң го, мен сени кунт коюп уктум. Сен мени мажбурлап жатасың, а мен өзүм чечишим керек.

- Түшүнөм, сенин ордуңда мен да ошентип айтмакмын. Бирок кайталайм, биз артка кайтпайбыз. Кеткенден кийин бир жума өткөн соң, Памирдин Ооган тарабында болгондо ар бирибиз сен дагы, өз үлүшүбүздү алабыз. Мен ал жакка тоолор аркылуу кербен менен кетүүчү жолду, ал тарапты жакшы билем. Азыр жай. Өтүп кетерибизге көзүм жетет. Ошон үчүн үй-бүлөлөрүбүздү чогуу алдык. Аларды калтырууга болбойт. Биз үчүн аларды жазалашат. Сага оңоюраак - бойдоксуң, бирок сеники баары алдыда. Барымтага алаар күнү мен айткандай, биздин үй-бүлөлөр бизди алдыбыздан тосуп туруу үчүн Үзөңгүлөш ашуусуна келишет. Бирок Коломто капчыгайында боло турган нерсе жөнүндө бешөөбүздүн тең үй-бүлөдөн эч ким, бир да жан билбейт. Алардын буга тиешеси жок. Биз чек араны ашып өтөбүз жана ал жакта, топоз багуу менен күн кечирген оогандык кыргыздардын арасында алгач башпаанек табабыз. Балдарыбызга кийинчерээк Кытайда, Индияда же Пакистанда жогорку билим беребиз - эми акча болот.

Кайрадан телефон шыңгырады. Бул шеф Бектур өзү эле.

- Сен кайдасың? Кандай жаңылыктар бар?

- Мен азыр мектептемин. Бул жакка Таштанафган экөөбүз кире кетели деп чечтик. Окуу жылдарын эске салып. Атты да жетелеп келишти мага. Мыкты ат экен, ыраазымын, байке. Бул саатка мындай жаңылык - басма сөз катчы Роберт Лукас телефон чалды. Бүрсүгүнү даярдоочу топ келе жатат - үч киши жана эки кинооператор. Коноктор болсо - алардан кийин бир суткадан соң учуп келишет. Ооба, мен бир аздан кийин кеңсеге барам, анан баарын чечебиз. Кабатырланба, баары жайында болот. Бардыгы график боюнча жүрүүдө.

Шеф менен, өзүнүн байкеси Бектур менен сүйлөшүп жатып, Арсендин бул жакта эмне болуп жатканы туурасында ооз ачпаганы Таштанафганды тынчтандырды көрүнөт. Арсен Саманчин сыр билгизбей мындай деди:

- Мына, шеф кел деп жатат, иш көп, өзүң билесиң. Кел, Таштан, жыйынтыктайлы. Мен барайын.

- Макул. Демек эсиңде болсун: бир белги болот - ошол күнү мен өзүмдүн кызыл кырдуу, советтик, сержанттык шапкемди кийем. Эгер мен шапкечен болсом, демек бардык нерседе менин буйругум боюнча иштөө керек. Түшүнүктүүбү? Дагы бир нерсе, кунт коюп ук! - биздин операцияны үзгүлтүккө учуратам деп аракеттенбе. Антсең баары жаман бүтөт. Биз эч нерсеге карабайбыз. Же биз акчабызды алабыз - же коноктор аңчылыкта же үңкүрдө өлтүрүлөт. Ушундан тыянак чыгар. Байкеңе ооз ачсаң андан да жаман болот - эч кимди тирүү калтырбайбыз, баарын атып өлтүрөбүз. Качып кетүүгө, кол жууганга аракеттенсең, жолдон кууп жетебиз, же болбосо шаардан таап түбүңө жетебиз... Суранам абдан, түшүн, сени жакшы жашоодон коркуткан жокмун - башка айла жок. Бүттү! Башка сөз жок! А азыр токтой тур, менин шериктерим бул жакка киришсин, - ал терезеден башын чыгарып кыйкырды. - Эй, Култай, чакыр баарын. Бул жакка киргиле.

- Эмнеге? - деп таңыркады Арсен.

- Азыр көрөсүң.

Ушул мезгилдин ичинде чыдамкайлык менен мектепти жана ээн короону кайтарып турган жигиттер төртөө тең дароо келишти. Алар класска кирип келишип, катарга тизилген соң, Таштанафган аларга Арсен Саманчинди көрсөтө командирлик үн менен айтты:

- Маалымдайм: биз баарын талкууладык, бардык маселелерди чечтик. Эми ар бириңер жакын келип, керектүү сөздү айткыла.

Биринчи болуп Арсенге Саксан-саксагай алдыга кадам таштады.

- Ушундай гана, башкача болбойт! - деди да, четке чыкты. Анын артынан калганы:

- Ушундай гана, башкача болбойт!

- Ушундай гана, башкача болбойт!

- Ушундай гана, башкача болбойт!

Аягында Таштанафган сурады:

- Кана, Арсен? Баары түшүнүктүүбү?

- Дал ошондой! Аскердегидей: буйрук Кудайдан да улук.

- А бизде Ооганда: буйруксуз жашаба, алтургай кызга да барба деп айтышчу. Эми биз алтообузбуз. Ишке киришели! Арсендин өз иштери бар. Саксан мени менен байланышта болот. Силер үчөөңөр - Култай, Жылкыш, Жандос - түндөп чалгынга чыккыла, эртең түшкө маал кайтып келе тургандай болгула. Кандай жайларда жырткычты табуу оңой болот байкагыла. А тиги ашууда сандалып жүргөн "чоң баш-туу куйрукту" байкасаңар азырынча тынчын албагыла. Бирок кантип кайсы жолдор менен аны Коломто капчыгайына айдап келүү ыңгайлуу болоорун ойлонуштургула. Аттарды кайтаруу үчүн курал-жаракты толук алгыла, башкысы - аңчылык башталганда кайсы жерлерде дүрбү салып турабыз ойлоп табуу керек. Ал эми азыр аттангыла. Баса, ачкычты кароолчуга бергенди унутпагыла, ал кайда ичип жүрдү экен, тапкыла.

Ошол бойдон алар мектептин короосунан ар кайсы тарапка кетишти. Арсендин атын жетелеп кетишти, ал өзү көчө менен азыр "Мерген" фирмасынын кеңсеси жайгашкан жана аны шеф Бектур ага күтүп жаткан мурдагы колхоздун конторуна жөнөдү. Арсен Саманчин жүз кадам жасоого да үлгүргөн жок, Таштанафган атын чаап келип, ээрден түштү да, атын жетелеп катарлаш басты. Дагы эле баягы сөзүн улантты. Эскертип жатты: эгер бир нерсе туура эмес болсо эле - баары өлөт, автомат менен таамайлап туруп атабыз. А эгер акча келсе, эч кимдин башынан бир тал чач да түшпөйт.

VIII



Ошентип ал экөө чак түштө тоо алдындагы Туюк-Жар айылынын эңкейиш чоң жолу менен кетип баратышты, ойлонулган иш-аракеттин бир натыйжасына экөө тең бирдей баш байлаган мурдагы эки классташ бойлору да, ийиндеринин жазылыгы да бирдей кетип баратышты, оор сүйлөшүүдөн кийин, ошол бойдон бир бүтүмгө келбестен - Арсен Саманчин көндүрүүгө баш ийбей, Таштанафган Арсенди өз тобуна кирүүгө аргасыз кылдым деп ишене мурунку колхоздун кеңсесин бет алып баратышты.

Алар алдынан бир киши ат чаап чыкпаганда, ошол түбү жакшы эмес сөздү андан ары улантышмак. Аны шеф Бектур Таштанафганга, тапшырма алуу үчүн кеңсеге келсин деп айттырып жибериптир. Атчан - анын аты Орозкул болчу, атынан түштү. Арсен Саманчинге окшогон мындай адам, анын үстүнө Бектур Саманчиндин иниси көчөдө жөө баратканда атчан бастыруу оңтойсуз эле. Эми алар үчөө келатышты, эки жетеленген аттын ортосунда - Арсен. Бул, кийин өзү ишенгендей - дал ошол мезгилде Туюк-Жар айылынан жөө басуу чын эле тагдырдын жазмышы болчу.

Тиги-бу жөнүндө кобурашып, жөө жана эшекчен өтүп бараткан жердештери менен учурашып, шашпай кетип баратышты, көпчүлүк айылдыктар короолорунан чыгышып, алар менен учурашып жатышты. Кандай болгондо да Арсен Саманчин алар үчүн белгилүү инсан эле, анын Туюк-Жардык экени менен көпчүлүк сыймыктанчу. Бир короонун жанындагы дарбазанын түбүндө олтурган кемпир учурашуу үчүн ордунан өйдө болду. Алар да токтой калышты, ошол учурда, атайылап чакырылгансып, кайдан-жайдан колунда чакан фотоаппараты бар, кыймылы шамдагай жаш аял пайда болду. Ал сымбаттуу, кара тору, жылмайганда күлүмсүрөгөн көздөрү да, жүзү да жагымдуу экен, чачына, жынсысы менен ачык спорттук кийимине караганда бир жактан келсе керек.

- Саламатсыздарбы. Ой, кандай жакшы, үчөөңөр кандай жарашыктуу басып баратасыңар! Биздин Арсен ага ортодо, а силер аттар менен эки четте! Сонун үчилтик! Уруксаат эткиле мен силерди сүрөткө тартып коёюн, сонун сүрөт болот! Убада берем! Жок, силер турбагыла баса бергиле, мен үлгүрөм, алдыга өтөм! Менин фотоаппаратым санариптик!

- Санариптик? - деп таңданды Арсен Саманчин. - Укмуш!

- Мен соодагермин да, атым Элес, мен коңшу Түмөн айылынанмын, а бул жерде эжем бар, сыркоолоп калыптыр. Ооба, ошондой! Тыкысыраак баскыла, тизгиндерди кыскараак кармагыла. Мына ушундай, эң сонун! Мен дагы "Мергенге" баратам.

Анан ал жеңил кыймылдап, басып бара жатып жаңсап, аларды объективге алып баратканда, Арсен Саманчин күтүүсүздөн жеңилдене түштү, Таштанафган менен болгон сүйлөшүүдөн кийин жүрөгүн өйүтүп жаткан санаанын арылгыс оор жүгүнөн бошотуп, жан дүйнөсүн аралыктан кол тийгизип дарылай алчудай туюлду. Дал ошол көз ирмемде "дүйнө ордунда" болушу үчүн өзүңдү ишенимдүү сезүү кандай маанилүү экенин түшүндү. Ошондуктан анын улам-улам сүрөткө тарта берүүсүн самады, ошондуктан анын атын алгач ирет айтканда эле жаттап алды - Элес эстөө жана таасирленүү түшүнүгү менен байланыштуу. Элестүүлүгү жана кыскалыгы менен бул ат өзү эле жеңилдик алып келди.

Элес болсо ошол маалда алардан токтой турууну суранып, фотоаппараттын экранынан даяр сүрөттөрдү көрсөтө баштады. "Карагыла, эң сонун - үч жигит!" Баары ыраазы болушту. Таштанафган: "Мына сага заманбап техника!" деп белгилей кетти. Арсен Саманчин аны атынан атап:

- Рахмат, Элес! Келгиле баарыбыз чогуу сүрөткө түшөлү, бирок сүрөтчүбүз ким болот? - деп жиберди.

- Ой, кандай сонун! Мен сиз менен эстеликке сүрөткө түшкүм келет, - деди Элес, анан өтүп бараткан жаш жигитти байкай коюп суранды:

- Балабаш, кел бизди сүрөткө тартып койчу. Мына бул жерин басасың.

Тиги дароо макул болду. Ошондо алар баары чогуу объективдин алдына турушту - Арсен менен Элес ортодо, берки экөө аттарын жетелеп эки жагында. Жанаша туруп Арсен анын ийкемдүү жана жароокер денесин сезди, Элеске тыкыс ыктоого үлгүрдү, ал да оолактабады, көз ирмемге кынала түштү. Жигит фотоаппаратты басканда Арсен шашыла:

- Рахмат, Балабаш, бирок кел дагы бир жолу кайтала, - деп жиберди. Кайрадан алар магнит сымал бири-бирине чапташа түшүштү...

Анан алар кандай түшүшкөнүн карап жатышты. Элес абдан сүйүндү:

- Ой кандай жакшы чыкты, Арсен ага, атайын дайындалгандай, мындай болот деп эч качан ойлогон эмес элем!

Экрандагы сүрөттөрдү карап жатып, Арсен:

- Сүрөттөрдү кантебиз, Элес, кайдан алсак болот? - деп сурады

- Албетте, Арсен ага, эртең-бүрсүгүнү чыгарууга аракет кылам. Азырынча кетпейсиз да?

- Азырынча жок, биз бул жерде мерген-ишкердикти аркалап жүрөбүз.

- Мен да бул күндөрдө ушул жакта болом. "Мергенде" фирма жана коноктор үчүн сүрөткө тартууну суранышты. Анан дагы коноктор үчүн, алар чоң аңчылыктан кийин тоодон түшүшкөндө, айылдык оюн-зоок уюштуруу боюнча шеф өзү тапшырма берди. Кыздар ырдашат. Түмөн айылынан Баялы акын келет. Мен дагы комуздун коштоосунда бир ыр аткарам.

- Ошондой де? Демек, концерт болот турбайбы? Болсо биз да угабыз.

Анан алар андан ары жөнөштү. Арсен сөз арасында сурады:

- Элес, сен кесибиң боюнча сүрөтчүсүңбү?

- Ой, жок, андай эмес. Мен мурдагы китепканачымын. Бир кезде пединститутта окугам. Биздин жеке автобусубуз болор эле, аны менен аймактарга керектүү китептерди жеткирчүбүз, автобусту биз библиобус деп атачубуз. Анан кийин баары токтоду. Библиобус менчиктештирилди. Маяна - өзүңүз түшүнөсүз. Ай сайын он беш долларга жашай албайсың, ошентип башка иштер менен алектенүүгө туура келди.

- Түшүнүктүү, - деп күбүрөндү Арсен, Таштанафган ага: көрдүңбү акыбал кандай, элдер он беш доллар алышат, а бул жакта жыйырма миллион түшкөнү жатса, сен моюн толгойсуң! - деп айтып жибергиси келгендей сырдуу бир карап койду.

Орозкул кетип калган. Таштанафгандын шеф Бектурга тез баруу үчүн аттанбаганына Арсен Саманчин таң калды. Бирок тиги шашкан жок. Мейли деп ойлоду Арсен. Жакында эле экөөнүн ортосунда болуп өткөн нерсени эстегиси келбеди, ага сөз таппады. Эгер экөө кудукка кулап кетишсе, андан кантип чыгышат, бирөө өйдөгө, экинчиси ылдый тартса?

Чын эле Элес ички туюму менен бир нерсени сезип, аны өзү да байкабастан - жалгыз калган, жакшылыктан жана ийгиликтен үмүт үзгөн, куулган, бул кырдаалга эрксизден кириптер болгон - анын азабын жеңилдетүү үчүн капыстан пайда болдубу? Ал өзүнүн артынан түшүп тажаткан тагдыр ташынан кантип кутулат? "Бул жерден алыс, оолак кетүү жана ойлонбоо". Ал жүрөгүн эзген ойлордон арылууга аракет кылып өзүн аргасыз ишендирип жатты, кокустан жанында болуп калган, эч нерседен шек албаган Элес аны аман алып калуу үчүн пайда болгонуна улам ишеними күчөдү... Жолду катар ал дүң соода-сатык менен алектенерин айтып келатты. Поезд менен Олуя-Атадан Саратовго чейин барат, анан учак менен - Москвага чейин, ал жактан ар кандай өтүмдүү товарларды бир баада алат да, алып келип, соодагерлерге башка дүң баада сатат. Он-он беш пайыз киреше көрөт, ошентип тиричилик кылат. Азырынча ден-соолугу жакшы. Анын айткандарынын баары эмнегедир Арсендин көңүлүн жубатты. Күтүүсүздөн эмне үчүн жана кантип, эмне болуп жатканын Арсен Саманчин өзүнө түшүндүрө алмак эмес. Бул ажарлуу, кокустан жаңы гана жолуккан аялга аны эмнеге мынча тартып жатат? Ал аны али жакшы билбейт, бирок андан сүйүү жана өзү бойдон калуу, коркуу менен алсыздыктан өзүн-өзү жоготуп албоо өтө зарыл болуп турган маалда ага арналган коргоо убадасын сезди. Азыр алар анын "Нивасына" олтурушуп, шаарга кетип калышын эңседи - түн жарымында жетип калышмак. Ал жакта болсо оттор, музыка...

Бирок азырынча алар айылдын көчөсү менен кетип баратышты жана айлана чөйрө аларды жайдары тосуп алды - иттер чуркап чыгышты, жайкы морлор түтүн булатып, эл короолорунан чыгып, учурашып жатышты... Алар мурунку колхоздун кеңсесине баратканда Арсен ага айтууга үлгүргөн жалгыз нерсе - "сен" деп кайрылуусун өтүндү, жаш айырмачылыгы өтө чоң эмес, андыктан экөө бири-бирине сен деп кайрылганы ыңгайлуу. Жана дагы кеңсеге кире берээрде, ал бул жакта көпкө чейин болобу деп суроого үлгүрдү. Элес:

- Мен сени, Арсен, канча керек болсо, ошончо күтөм, - деп жооп берди.

Арсен болсо:

- Сенин барың кандай жакшы... - деди.

Кеңседе да, короодо да, көчөдө да эл жык-жыйма эле. Айыл бүт бойдон алдыда боло турган окуяны - чет элдик аңчыларды күтүү менен жашап жатат. Башкача бир толкундануу өкүм сүрүп турду. Кеңсенин алдында балдар ары-бери чуркап жүрүшөт. Теңирдик динди тутунган бир киши өз жакындарын тоо шамалдары аңчылыкка шарт түзүп - ак илбирстерди ийиндеринен айдап чыгышы үчүн үзөнгүлөш тоолоруна сыйынууга көндүрүп жүрдү деп айтышты. Айылдык молдо теңирчини: шамалдарга эмес, кудурети күчтүү Жаратканга, Аллага сыйынуу керек деп жемеледи. Бирок ушунун баарысы, мындайча айтканда, курулай сөздөр. "Мерген" фирмасында болсо шеф Бектур баш болуп аңчылыкка даярдык көрүү боюнча гана эмес, сыйлуу конокторду жан-жөөкөрлөрү менен жайгаштыруу жана кызмат көрсөтүү боюнча да кеңешме куруп жатышты. Адатта эркектер жана аялдар баары катышчу, бирок тилекке каршы эсил кайран социализм менен чогуу тарыхый өткөн заманда колхоздук чогулуштардан кийинки бул айылдагы биринчи зор иш-чара экенин карыялар маашырлана белгилеп жатышты. Мындай чогулуш "улуу" ак илбирстердин "көрсөтмөсү" боюнча уюштурулду деп тамашалашты.

Кээ бирөөлөр иш менен алек, ал эми кай бири жакын жерде жөн эле кызыгып - кокус мен да бир нерсеге жарап каламбы дегенсип жүрдү. Арсен Саманчинге айланадагы мындай көрүнүш жакты. Көпчүлүк айылдаштары менен ал көптөн бери көрүшө элек болчу, мына эми көрүштү. Ичтен кыжаалат кылган жана кыйнаган бир жагдай - айылдаштардын Таштанафганга жайдары мамилеси, ал баарына таанымал, кадыр-барктуу экен. Ал да: жакында бул жердегилердин баарынын эсин оодара турган эч нерсе ичине катпаган сыяктуу, өзүн ошого татыктуу алып жүрдү. Айылдын аялдары Таштанафган жөнүндө чыгарган төрт сап ырды ырдап беришкенде Арсендин күлкүсү келген жок.

Эй афган, эй афган,

Белек кылчы кербениң.

Кербен менен барамын

Көп бала төрөп беремин.

Нанга берсең болгону,

Бир тыйын да албаймын

Эх караван, эх караван,

Эй Афган, эй Афган...

Ооба, деп ойлоду Арсен, бул айылдык арзыбаган тамашалар силер үчүн башка элдик жанрга, кайгылуу кошокко айланбаса эле болду...

Ушул убактылуу бейпил, бирок өзүндө жергиликтүү аймактарда болуп көрбөгөндөй тымызын коркунучту каткан ушул абалда Элестин "сыйкырдуу" (ал өзү үчүн ушинтип аныктады) пайда болушу жана анын бул канчалык таң каларлык угулса да, биринчи мүнөттөн тартып бир көрүп сүйүп калышы, Арсен Саманчин анын көпкө созулган жалгыздыгы жүрөгүн өрттөп, аны жансыз, эрме чөлгө айландырган мезгилде келген тагдырдын өзгөчө белгиси катары кабыл алды. Ошол күндүн окуяларында ал үчүн чынында эле куткаруучу болуп калган бул жолугушууну ал ушинтип баалады. Ал эми айылдаштар үчүн бул көрүнүштө байкала турган, көзгө урунган эч нерсе жок эле, алар ага жадагалса бир аз да көңүл бурушкан жок, кенедей да маани беришпеди. Элес бул жакта такай жүрчү, алар үчүн өз киши, жакынкы коңшу айыл - Түмөн айылынан. (Сибирдеги Тюмень аймагынын аталышы ушул сөздөн келип чыккан эмеспи деп ойлоп кетти)

Байкеси шеф Бектур аксакал менен аңчылык иштерин талкуулап жатып да, Арсен азыр көчөгө чуркап чыгып, Элести чакырып, аны колдон алып, эжесинин короосуна чуркап жетип, "Нивасына" олтуруп, аны менен чогуу тоолорду жана өрөөндөрдү аралап шаарга, өз дүйнөсүнө, байкашына караганда, ага да чоочун эмес дүйнөгө кетип калышсабы деп олуттуу ойлоп жиберүүгө да үлгүрдү. Анан дагы элес-булас өзү да таң кала белгилегени - Айдана жана анын кесепеттүү башчысы Курчал да эмнегедир ошол замат унутулду, аң-сезимден өчүштү, аларга көңүл бурганга ал жок... Кумирлер да кунарып, душмандар да унутта калат тура...

Эгер чын эле Элес экөө шаарга кетип калышса, мухиттеги кичине кайыкчадагыдай болуп, музыка менен оттордун толкунунда термелишсе, бакыт деп ушуну айт! Токто! Ал эми байкесине берген убадасычы, бул жакка ошон үчүн келбеди беле, туугандык милдет кантет? Жок-жок, эч жакка жылбайт. Бу жакта дагы Таштанафган бар, ал үңкүр камдап койгон чет элдик туткундар бар. Азырынча бул жөн гана коркутуу, бирок эртең ал эмнеге айланат? Кантүү керек? Эч кимдин иши да жок... Билишсе го, атаганат...

* * *

Ошентсе да, санааркап, кыйналып, онтоп, жалгыздыкта коркунучтан эзилген бир жан бар эле. Ал Үзөңгүлөш ашуусунун алдындагы Жаабарс болчу. Акыркы убакта бул жерде кандайдыр бир көздөрүнө такалган бирдемелери менен бир нерселерди карап, сурнайлары менен айланадагы тоолорду титирете кыйкыра алышкан атчандар тез-тез пайда боло башташты. Мына азыр да үчөө ат чаап келишти. Кайрадан бир нерсеге көз салып, кыйкырышып жатышат...

Ал болсо бир жакка жашырынып калуунун ордуна - чоң башын чулгуй куйругун ыйык жалына жеткизе артка чамгарактатып кетпейт... Атчандар аны астыртан байкап коюшканын, өз ара "чоң баш-туу куйрук" деп аташаарын Жаабарс билсе эмне. Тигине ал дагы эле ошол жакта айланып кетпей жүрөт...

Ошондо Жаабарс күңгүрөнүп онтой ырылдады: "Бул жерге эмнеге, эмнеге келдиңер? Бул жерде силерге эмне керек? Жолтоо болбогула, жакында тоолор кулайт жана силерге да жаман болот..."

* * *

Кечке жуук Арсен Саманчин чыдап олтура албады, Элес менен алыс кеткиси - ээн калгысы келди. Шеф менен сүйлөшүүдө кеч мурдагыга караганда бош боло турганы, такай катышуусу жана котормочулук жумуш келерки күнү башталаары белгилүү болду. Эртең менен даярдоочу топту жана кинооператорлорду тосуу үчүн алар чогуу Олуя-Ата аэропортуна барышат. Ал эми бир күндөн кийин - мергенчилердин өздөрүн тосуп алышат. Арсен кол дептерине жазгандарды майда-чүйдөсүнө чейин макулдашышкан соң, ал кетүүгө камынып калганда Таштанафган артынан жете келди:

- Уксаң, Арсен, эгер кетип баратсаң, эсиңде болсун - эртең сага атыңды алып келишет, эжеңдин короосунда турсун. Каалаган учурда минип кеткенге...

- Мейли, алып келишсин. Мен аны минип көргөм.

- Сага куралды качан алып келели? Мылтык берилет, дагы тапанча сурап жаттың эле, автомат да беребиз. Анан дагы жанагы биз сүйлөшкөн катуу сүйлөгүч, репродуктор...

- Бүгүн эмес, эртең алып келген оң го. Кечке маал, саат алтыларга, биз шеф менен Олуя-Атадан келгенде. Куралды өз колума тапшырышсын.

- Албетте, өзүңдүн колуңа. Шефтин буйругу боюнча, тил кат алып. Сен кандай ойлодуң эле? Ооба, Арсен, анан дагы эң башкысы. Жүр, четке чыгалычы.

Алар бурчтан ары бурулуп, ары-бери баса башташты.

- Демек, эң негизгиси, - деп баштады Таштанафган, - азыр биз ажырайбыз жана ошол бойдон тоодон, Молоташтан көрүшөбүз го. Сен ал жакка коноктор менен келесиң, а биз орун алып калабыз. Ары-бери жакка басып, бирде атчан, бирде жөө аскаларга чыгып көрүш керек. Бирок мен кызыл кырдуу аскердик шапкемди кийерим менен - мен сага ал жөнүндө айткам, ал менде Ооганстандан бери бар, анда баарын буйрук кылынгандай кылып аткар. Унутпа, башымдагы шапке - бул буйрук.

Арсен Саманчиндин кулактары чымырап, башына кан куюлуп кетти:

- Укчу, ойлонсоң, эмне уюштурганы жатасың! Кеч болуп кала электе токто.

- Сен эмне! Биздин койчулардан ошол дүйнөлүк кан соргучтардын жыйырма миллионун аяйсыңбы?

- Бөлүштүрүү деген андай болбойт.

- Ооба, көтөрүлүш аркылуу, реформалардын аркасында ошондо да - ким канча жулуп калат. Күтүп отурат экенмин да!

- А сен уюштура турган нерсе - бул теракт! Түшүнчү деги!

- Боло берсин! Биз өз үлүшүбүздү алабыз.

- Азыр талашып-тартышпайлы. Сенин ойлогонуң - баарыбыз үчүн чоң алаамат. Алардын өздөрүнүн сакчылары бар, кан төгүлбөй койбойт.

- Тынчсызданба, кандай болсо да, биздин айткандарыбызды англисчеге которуп турсаң эле сага тийбейбиз.

- Мен өзүм жөнүндө эмес. Айтсам да айтпасам да. Укчу! Эми сени атышууга чакырмак белем.

- Атышуу болсо атышабыз! Сен бизди ушул Глобалдашуудагы үлүшүбүздөн куру калтырасыңбы?

- Кайра эле! Сен Ааламдашууну жөн жайына койчу, мейли өзүңчө туура болсоң дагы.

- Болуптур, Арсен, андай болсо, сен өзүңдүкүн ойлон, мен өзүмдүкүн ойлоюн. Убакыт али бар. Дээрлик үч күн. Шапкем даяр. Көрүшкөнчө кош, - деп кетип баратып, желкесин кашый кошумчалады Таштанафган. - Сен өзүңдү кандай сезип жатканыңды мен билем, мына азыр экөөбүз бүт айланага угуза бири-бирибизди сөгүп алганда мүмкүн жеңилирээк болмок. Бирок мен жөнүндө да ойлонсоң, мен эмне болуп жүрөм. Сууга чөгүп өлгүм келет, бирок жашаш керек. Жашаган соң жакырчылыкта эмес, шайтан алгыр, тиги жаналгычтар бизди эзгени жетишет! Балдар мектепке кийип барганга кийими жок, жакырчылык, биз койчу болуп сандалып жүрөбүз, силер шаарда бомж деп атагандардан айырмабыз жок. Демек, силер гезиттерде жамбаштарын жалаган наадандар билишсин, эстерине түйүп алышсын: эми биз аларды, байларды колкодон алабыз!

- Анан сен шапкечен келсең эле - бүттү, айда, баарын колго алам деп ойлоп жатасыңбы? Мындан маселелер ырбайт... Дүйнөгө туура эмес көз менен карап жатасың.

- Мейли, кудай алсын көздү, маселелерди... Ал эми шапке менин башымда болот!

- Кийерден мурда ойлон.

- Өзүң ойлон. Болуптур анда.

Ошол бойдон ого бетер санаага батып, кыжаалат боло, дагы эле өз ара түшүнүү таппастан, бир пикирге келе алышпастан экөө эки жакка кетишти. Ошентсе да өздөрүнүн аргасыздыгын ички сезимдери менен туюп жатышты, колго түшүрүү иш-чарасына аргасыз катышып калышы мүмкүн болгон, дал ошол ак илбирстер жердеген капчыгайлар менен жайыттарда, ал жакта: Теңир-Тоонун койнунда боло турган нерсенин аягы кандай болоорун алдын ала сезип жатышты. Бирок ак илбирстерге ой жүгүртүү жана калыстык кылуу дарамети берилген күндө да, бул жөнүндө алар кайдан билишсин?..

Ошондой болсо да, Арсен Саманчин дагы ошол тапта ушул сыяктуу эч нерсе жөнүндө ойлогон жок. Балким көз ирмемдик таттуу кыялга берилдиби, жалгыз калганда ал жеңилдене кубанып терең үшкүрдү, коркунучтуу тереңдиктен жогору суурулуп чыккандай болду жана жаңы сезимдердин таттуу даамын сезди. Бирок сүйүү күтүүсүз, ойдо жок жерден, бир мезгилде ташкындап пайда боло алабы? Же бул анын терактка катышуунун чексиз коркунучу ээлеп алган жан дүйнөсүнө болгон тагдырдын тез жардамыбы?

Элес анын эмне болуп жатканын билгенсип күтүп турган, терезеден өзү чакырды:

- Мен бул жактамын, Арсен.

Көрсө, ага ушул эле керек болуп туруптур. Бири-бирин айттырбай түшүнгөн экөө, ал азыр эжесинин үйүнө барарын, ал эми Арсен "Нивасына" олтурат да, короого айдап келерин, анан экөө чогуу кайдадыр алыс жактарга, көз көргөн жакка сейилдеп, бирге болуу үчүн кетишерин дароо чечишти. Эң кубанычтуусу - Элес анын маанайын тең бөлүштү. Арсен машинесин короого айдап келгенде Элес даяр болчу, ал жылмайып, артына жол баштыгын асынып чыкты, колунда гитара жана чакан жумшак жуурканды ийнине арта салып алган.

Алар жанаша олтуруп кетип баратышты, бири-бирине карашкан сайын бакытка балкып баратышты. Ишенимдүү "Нива" аларды ак жол менен бактылуу дөңгөлөктөрүн чимирилтип, алып кетип баратты, бүт дүйнө, мурдагы боюнча калып да, башкача да боло түштү, аны жөнөкөй кабыл алууга мүмкүн эмес эле. Алар болсо аны көздөрү тойбой суктана карашты. Бул өзгөргөн дүйнөдө бардык нерсе башкача болуп көрүндү, жаратылыштын көркөм сүрөтүн ар кайсы тарабынан жарык кылган сыяктанды. Балкыткан бакытка мас боло алар айланасына сугун артышты - аял жыйырма бештен өткөн, эркек отуздан ашып калган - көп жамандык менен жакшылыкты баштарынан өткөрүшкөн, үйлөнүү тойлордон, чыр-чатактардан, ажырашуулардан өтүшкөн, мына эми өткөндөн бошонуп, кайрадан жаңы жашоого жаралышкан чоң кишилер эмей эле, кичине балдардай болуп калышты. Боз улан менен жаш кызча, алар азыр өзүлөрүн ээлеп алган сүйүү кумарынан башка эч нерсени көрүшкөн жок. Бул таттуу кыял да, өзүн-өзү алдоо да эмес, жандын жана дененин жаркышындай тагдырдын бир гана жолу берилүүчү белеги эле. Экөө чогуу көз көргөн жакка зымырап баратышкандыктан гана бардык көзгө көрүнгөн жакын жердеги жана алыстагы тоо кыркалары жана мейкиндиктер, күн жана дарыя, бакытка магдырай дөңгөлөктөрдүн алдына төшөлүп жаткан жол да ошол мезгилде алар үчүн кооз да, жайлуу да эле. Элес жанында назиктик нурун чачыратып олтургандыктан Арсен Саманчин эгер сүйүү экөөнүн тең жүрөгүнөн бирдей орун алса, адамдардын тагдырларын таразалап туруучу жашоонун улуу адилеттиги дал ушунда тура деген тыянак чыгарды. Трагедиясыз романтизм болбойт, ошон үчүн алдамчы деп эсептешет. Андай эмес, романтизмдин кабыл алуусу такыр башкача: күн да, асман да башкача. Бирок ошол башкача дүйнөнү сүйүшкөндөр гана көрүп, түшүнө алышат. Сүйүү жан дүйнөнүн жаркышы деп бекеринен айтылган эмес да.

Арсендин ийиндеринен оор жүк алынгандай сезилди, бул кандайча болуп кеткенине өзү да таң калды. Айдананын айынан жанагы шайтан Эрташ Курчалды ушунчалык жек көрүү, ушунчалык азап чегүү, өзүн камчылап сабоо... Таштанафгандын жүзү кара жана арам оюнунун аргасыз туткунуна айлануу... Жана бир сааттын ичинде эле анын ажырагыс бөлүгүнө айланган Элес менен, буга чейинки турмушта болгондун баарын дароо унутуу. Демек, ал аны сактап калуу үчүн, түпсүз жардын кырынан алып кетиш үчүн жиберилген окшойт.

Анын поэтикалык маанайын каршылык көрсөтпөстөн тең бөлүшүп, бакытка эс-мас боло анысынан эч бир тартынбастан Элес мындай деди:

- Карачы, Арсен, бул тоолор менин сүйүүмдү күтүп жатышкан, ошондуктан мен бул жакка тез-тез келчүмүн. Мындай болооруна ишене албасам да, мен да күткөм... Бизде айылдарда бул тоолордо Кайып колукту жүрөт деп ишенишет эмеспи.

- Айтпа, Элес, антпесе ыйлап жиберем!

- Ой, рулду бекем карма! - деп каткырды ал. - Кандай жакшы кетип баратабыз!

Эгер сүйүшкөндөр бактылуу болсо, алардын турмушунда буга чейин эмне болгону маанилүү эмес. Бардыгы жокко чыгарылып, жабык иштер архивине өткөрүлөт, анткени жашоо кайрадан, жаңы эсептөө чекитинен башталат, - деп ойлоду Арсен. Көз тийбесе эле болду!

Бирок ал ушундай идеализмге канчалык магдырабасын, болбой эле бакыттын артынан кайгынын кыраакы көзү чаалыкпай байкоо жүргүзөт деген ой кетти. Демек бейпил бакыт болбойт. Мына азыр да ал улам бушайман боло берди: араб коноктор эмне болот? Эгер аларды Таштанафган чын эле барымтага алсачы? Дагы айнытууга аракет кылып көрөйүн, көнбөсөчү - эмне кылуу керек? Автомат менен коргособу (шеф Бектур ага да автомат убада кылган)? Киши уурдоочуларды атып, өзү да ок жеп өлөбү? Бардык убактарда жардылар, алар миллион эсе көбүрөөк, байларды жактырышпайт, аларды жек көрүшөт. Мына акылга сыйбаган жорук - ошол эле учурда өзүлөрү да миллиардер болууну самашат. Иши кылып, көп нерсени ойлоого болот, бирок эмне кылыш керек, кантүү керек? Биз баарыбыз бир аркан менен байланганбыз. Таштанафгандын кишилеринин жогото турган эч нерсеси жок, алар көркоолорчо даярданышкан. Көп акча үчүн баарына барышат. Жырткыч болуп калышкан. Бирок жырткычтардын олжосу жаратылыштан. Ал эми буларга окшогондордуку - кылмыштардан. Таштанафган айткандай, карап турба, кеч боло электе кармап кал! Эх, шайтан алгырдыкы, мурдагы классташ-жолдошу оогандан жырткычка айланды, эми Ааламдашууну жек көрөт, кимди да болбосун жок кылууга даяр. Тьфу! Унут, баарына түкүр!.. Ал күнү ал үчүн жаңы чындыкка айланып, күтүүсүздөн башка жашоо башталды.

Алгач алар айыл четиндеги, жалгыз май куючу жайга келишти, ал жакта Элестин дагы бир эжеси жашайт, ал соода-сатык кылып жүргөн кезде көп келип турчу. "Нивага" май куюп алышты да, андан ары жөнөштү. Жолго чыкканда Арсен Саманчин машинени тоолорду аралап шаар тарапка кетчүдөй кылып бурду. Бир мүнөткө токтото калып, унчукпай ойго батты.

- Эмне болду, Арсен? - Элес кызыга сурады. - Биз бул тарапка кетебизби?

Арсен унчукпады, анан башын чайкап, жылмайды жана анын көзүнө тике карап тамаша-чын аралаш айтты:

- Эгер каршы болбосоң, Элес, мен сени шаарга алып кетким келип жатат!

- Ошондой де?

- Ооба, мурдагы убактардагыдай болуп, сени ала качып кетким келет. Кандай ойлойсуң?

- Эмне үчүн?

- Экөөбүз чогуу болсок дейм.

- Журналист - ууру! Демек, мен гитарам экөөбүз уурдалып баратабызбы? - деп жайдары күлдү Элес. - Укмуш! Кыял! Анда рулуңду бур! Антпесең машине кайда жол тартаарын билбей турат!

- Демек, макулдаштыкбы? Бирок азырынча бул жакта тоодо бололу, биз каалагандай... - ушул сөздөр менен Арсен Саманчин "Ниваны" жакынкы коктуга, дарыянын боюндагы көк майсаңга ыкчам бурду.

Андан ары бардыгы кинотасманын жаркылдагын элестетти. Алар бейкуттук өкүм сүргөн жайга тез эле келишти. Машинадан гитараны алууну унутпай ылдам отурукташышты. Аңгыча күн кеч бешимге ооп, алгачкы серүүндүктү тарата тоо арасы ачык көгүлтүр түскө боёлду. Жай мезгили ортолоп калган. Тоо дарыясы кылымдар бою жылмаланган чоң таштарга уруна ылдам алга карай умтулат... Алар бадалдардын кургак бутактары менен тез эле от жага салышты. Элес абдан шамдагай экен. Анын колунан баары келип жатты. Дарыянын жээгиндеги жашыл шиберге ала келген жумшак жуурканды төшөп, заматта кийимдерин чечип ыргытышты да, бири-бирине жуурулуша түшүштү, чогуу кучакташа, аларга кучак жая, суктана караган ачык асманга көкөлөп учушту. Алар эми бул жерде эмес, баш айланткан, учу-кыйырсыз космосто эле, анан кайрадан жаратылыштагы аларды курчаган бардык нерсеге, ар бир чөп жана ар бир жалбырак алар менен кошо ыргалган жерге кайтып келишти: алардын жогору жагындагы бутактар бирде аларга ийилип, бирде өйдө көтөрүлдү, айланадагы гүлдөр бирде ыргалткан шамалга жапырылып, бирде бейпил шайкештикте тынчтана катып калышты... Жаратылыш алардын сүйүүсүн коштоду. Өзгөчө ага жалтылдаган таштарга урунуп төмөн карай чукул аккан күүлдөгөн тоо дарыясынын симфониясы үндөш сезилди. Дарыя күүлдөдү, онтоду, көз ирмемге капыстан бүт агымы менен ката түшүп, анан кайра дене бойду козгой жээктер менен жуурулуша калып жатты. Куштар учуп бара жатышып тынчтана калышып, алтургай кашкулактар да токтоп, баштарын буруп, кулактарын тикчийте, көздөрүн жылтырата суктана карашты. Сүйүшкөндөр болсо аларга берилген бейиштеги көз ирмемден ырахат ала, улам-улам бири-биринен ажырай калышып, кол кармаша дарыяга чуркап келишип, анын күүлдөгөн агымына чөмүлүштү, мөлтүр сууну бири-бирине чачышты, алардын денелери ушунчалык сымбаттуу, жүздөрүнөн кубаныч төгүлүп турду! Андан соң кайрадан дарактардын көлөкөсүндөгү бейиш жайына жата кетишти, күн да тоолордун кырына олтура калгансыды...

Ал эми Кайып колукту болсо алардын бакытын жүрөгү менен туюп, тоодон тоого учуп, аларга карай сызды, Элестин гитара чертип ырдаганын тыңшап, тоо чокусунда токтой калды да, шыбырап ыйлап жиберди: "Мен да ушул тууралуу кыялдангам... Кайдасың, кайдасың, менин мергеним? Сени качан табаар экенмин?"

Чарчаганда алар олтура кетишти, көп нерсе жөнүндө шашпай сүйлөшүштү, бирок өткөн турмуштары туурасында сөз козгошкон жок. Алар үчүн убакыт ушул күндөн, ушул сааттан башталды. Тамашадан башташты.

- Билесиңби, - деди Арсен, - бул кокту мындан ары Элес коктусу деп аталышын каалайм! Сен кандай дейсиң? Географиялык бөлүмгө ушундай сунуш менен кайрылайын деп жатам.

- Аракет кылып көр, Арсен, көрөбүз, ким жеңет, анткени мен да бул коктуну Арсендин коктусу деп атоо жөнүндө сунуш кылмакчымын! Сен экөөбүз бүгүн балдардай болдук. Кел, мен сени Арсенбек дейин, а сен мени - Элесгүл деп чакыр, мени кичинемде ушинтип аташчу.

Көп нерсе жөнүндө, ушундай сүйүү рахатына батып турган учурда бул тема орунсуз болуп көрүнгөнүнө карабай, алтургай саясат тууралуу да сүйлөшүүгө үлгүрүштү. Бирок бүгүнкү күндө бардык жерде жүрүүчү саясат эч кимди кыя өтпөйт, мал багуу жана талаа өндүрүшүнө азыр талап жок, ошондуктан айыл жергесинде жакырчылык, жумушсуздук, жумушсуздук болгон соң - ар кандай жаман иштер: уурулук, ичкилик ичмей, айрымдар нашааны да чеге башташты деген маек өзүнөн-өзү келип чыкты. Ушундай аргасыздыктан эл "Мерген" фирмасынын мергенчилик ишкердигине жармашты - бул жерде жумуш бар, бул жерде айлык төлөнөт. Көбү үчүн пайдалуу. Чет элдик бай мергендердин келе жатканы жердештерди кубандырды. Каршы пикир айтуу - демек, туугандарды капа кылуу деди Элес. Өзү кийим-кече сатып, бир нерсе таап жатат, бизге эмне азыраак акча таап алууга болбойт бекен? - дешет. Сенин байкең чоң ишкер адам, канчалаган элге жакшылык кылып жатат. Бирок эртең эмне болот?

- Мен өзүм деле чакырышаары замат бул жакка келгеним менен, жүрөгүм ооруп жатат, - деп улантты ал. -Арсен, ме, гитараны кармап турчу, өмүр бою ушинтип сага ырдай берет элем, - деди алар Туюк-Жарга кайтып келүүгө камынып жатышканда. - Биз экология жөнүндө айтканды аябай жакшы көрөт эмеспизби, ал эми өзүбүз болсо...

- Ооба, сен туура айтасың, Элес, сени түшүнүп турам, өзүм да сарсанаа болуп жатам, - деп аны менен макул болду Арсен. - Бул жөнүндө көп сүйлөйбүз - эпос кураса болот, ал эми акча жыттанаар замат, баарына даярбыз, анан кайдагы экология. Сен бекер эле өзүңдү жемелеп жатасың, сенин бул жерге тиешең жок, сен аңчылыктын өзүнө эмес, оюн-зоокко гана гитараң менен катышасың. Менин аңчылык ишине түздөн-түз катышуум керек болот, биздин шеф Бектурга сөз бергем, туугандык милдет болгондуктан - артка чегинүүгө болбойт.

- Түшүнөм сени, Арсен, жаным. Мени кучактачы, мага ошол керек! - Ашыктар кайра өбүшүштү. - Бирок эгер сен баш тартсаң деле, баары бир... Казан сенсиз деле кайнай бермек.

- Токто-токто! Мергендик ишкердикти кудай алсын, демек, мен сени жолуктурарымды алдын-ала билген экенмин да! Демек, мен сен үчүн келиптирмин, Элес.

- Ушинтип айтышыңды күттүм эле! Мен да бул жерге сен үчүн келгем, Арсен! Демек ошондой.

- Ооба, бул жерде "Жаман айтпай жакшы жок" деген макал ырас айтылган. Эми ошого барган соң, биздин ак илбирстерге ыраазычылык айтуу керек, ошолор чогултту да бизди бул жерге, - деп күлдү ал.

- Чын эле ак илбирстерге рахмат! - Алар кайра кучакташып, өбүшө башташты. - Уксаң, Арсен, билесиңби сен - илбирссиң, а мен - ургаачысымын!

- Эмне экен? Дал ошондой!

Ошол учурда капыстан ал көз ирмемге коркунучтан үрөйү уча түштү: "Эгер биз илбирстер болсок, анда биз эмне болобуз?"

Элестин тамашалап айтканы өтө маанилүү сөзгө түрткү болду. Акыркы күндөрү Элес мергенчилик ишкердиги тоолук айылда дээрлик негизги жашоо ыкмасы болуп калганы тууралуу эч ким менен баарлашпаса да өзүнчө абдан кыжаалат болуп жүргөн. Жашоочулар үчүн айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүү, жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу сыяктуу мааниге ээ болбой калган. Эгер мындан ары да ушул бойдон жүрүп олтурса аңчылык ишкердигинин аркасында бир нече жылдан кийин тоодогу бардык жан-жаныбарлар, акыркы күрпүлдөккө чейин жоголот. Баарын жок кылып, анын ичинде биринчи кезекте ак илбирстерди курутуп, жаңы рыноктук шарттарда жергиликтүү товар өндүрүүнү жолго койбосо, ошондо адамдар кимге аңчылык кылышат?

- Мен абдан кабатырланып жатам, Арсен, бирок бул жөнүндө эч кимге айтууга батынбайм. Алтургай араб аңчыларынын келишин утурлап: "Биздин ак илбирстерден колуңарды тарткыла! Илбирстерди жөн-жайына койгула! Илбирстер өз алдынча жашашат, биздин жырткычтарга тийбегиле!" деген ураандар менен чыгайын дегем, бирок бул жөнүндө ойлонууга да болбойт - өзүбүздүкүлөр эле, айыл баарылап таш бараңга алышат, мындай ишти үзгүлтүккө учуратууга жол беришпейт! Чет элдиктер үчүн аңчылык уюштуруудан башка алардын эч нерсеси калган жок да! Жок, түшүнүшпөйт алар жана аяшпайт. Чынбы, Арсен?

- Ооба, азыр ошондой, кошулам. Бирок келеркиде мындай ишке батынуу керек. Бул ишкердик-аңчылыкка каршы күч болушу керек да. Жадагалса Ооганстанда да эми нашаа плантацияларын жоготуу максатында анын ордун алмаштыруучу өсүмдүктөрдү издеп жатышпайбы. Бул жөнүндө азыр көп жазышууда.

- Арсен, сен мага бакыттын эшигин ачып, биздин жан дүйнөлөрүбүз ушинтип дал келишкенде, ушундай орунсуз сөз баштаганым үчүн кечирип кой. Бирок түшүнөсүңбү, мен соода менен ар кандай жактарга барам жана баары базар экономикасына кантип гана болбосун ык алып жатышканын көрөм, бирок биздегидей тоодогудай жырткычтык жол менен эмес. Болуптур бүгүн чет элдиктердин эсебинен өз түшүмүбүздү алабыз, андан ары эмне болот? Эмгектенбей эле мергенчилик кыла берсек - жакында какыраган чөлдө жансыз жаратылыштын арасында калабыз. Кечир... Сөзгө берилип кеттим. Мен сени сүйөм... Ишенесиңби?

- Ишенем. Кечирим сурай турган эч себеп жок, Элес. Сөз орчундуу жана мен буга көп нерсени кошумчалай алмакмын, бирок азырынча коё туралы... Кеттик, кеч кирип баратат. Иш жөнүндө дагы сүйлөшөбүз. Ал эми биз бири-бирибизди сүйөөрүбүз - бул менин жашоомдун жаңыча кубулжуган музыкасы.

- Кел, Арсен, мен сага машина айдоого жолтоо болбоо үчүн гитара менен артка олтуруп, акырын ар кандай эски жана жаңы күүлөрдөн чертейин. Макулбу?

- Болбогондочу! Бул жеке мен үчүн концерт болсун. Угуп, ойлоном жана... тагдырга ыраазы болом.

- Эмне үчүн?

- Сен үчүн, Элес.

Ах, бул жер - сахна эмес экенин ал билсе кана, ак илбирсти айдоочтордо кандай коркунучтуу ой бышып жетилгенин жана берилген антиглобалист Таштанафган өзүнүн аскердик шапкесин кийүүгө жана аны менен туткундарды барымтага алууга буйрук-белги берүүгө камынып калганын, ушунун баары иш жүзүндө эмнеге айланышы мүмкүн жана эмне менен бүтөрүн ага айтып койбоо үчүн кармануу Арсен Саманчинден кандай эркти талап кылганын билсе эмне... Өзү да кандай тузака түшүп калганын. Тузактын ачылышы күмөн. Каргыш тийген мергенчилик ишкердиги! Адамдарды да, жырткычтарды да - баарын бир жип менен өмүргө эмес, өлүмгө байлады. Бирок сүйүүдөн элжиреп ачылганда да ал бул тууралуу айтууга даай албады...

Күн кечтеп баратты. Жаратылыш сүйүшкөндөргө шарт түзөөрү чын болсо, анда алар муну өздөрү сезишти. Кайтып келаткан жолдо сүйүү үчүн сыйлык иретинде аларды айлана-чөйрө бүт жыргалына бөлөп турду.

Кечки тоолор күндүн акырын бейкут тынчтыгында жана улуулукта эрте түшкөн күүгүмдөргө чулганып, бара-бара уркуюп салаңдаган зоокалардын учтарын жылмалай тоолордун караандары бүлбүлдөй аларды тосуп алышты. Жыргалга арбалган аппак-аппак булуттар тоо кыркаларынын үстүндөгү ачык асманда түрмөктөлүп жатышты. Ал күнү шамал да, жамгыр да, чектен чыккан аптап да болгон жок. Алардын бактысына накта сыйкырлуу, кайталангыс күн туш болду.

Төмөн түшкөн соң, "Нива" жай зымырады, шашылууга болбойт - бул жөн эле убакыт өткөрүү эмес, экөө тең ушунчалык эңсеген, өтө маанилүү, заматта бардык өткөн нерсени алардын жашоосунун курамынан чыгарып салган, асман жиберген жолугушуу болгондуктан көңүлдөрү куунак жупташа сейилдөөсүн узартууну каалашты - бүгүнкү күн жаңы күндүн башаты болчу. Бул жакшылыккабы? Аларды эртеңден баштап алдыда эмне күтөт? Бирок бул жөнүндө алар азырынча ойлошкон жок - өздөрүнүн сүйүү жыргалында жакынкы коштошуу алдында алар капысынан табылган бакыттарынан башка эч нерсе жөнүндө ойлой алышпады.

Элес арткы орундукта олтуруп, акырын гитара чертип жатты. Арсен тааныш күүлөрдү тыңшап, "Нивасын" көп жолу жүргөн, бирок азыр тааныш эместей сезилген жол менен айдап келе жатты, анткени ал бул жолдо башка адам болуп, биринчи ирет сүйгөнү менен келатат, мүмкүн ошондон улам чыгаар, ал алаксып, олуттуу ойлорго берилгиси келген жок. Алар улам тамаша ыргытышып, бири-бирин жарым сөзүнөн эле эң сонун түшүнүп келе жатышты.

- Машинени буруп, экөөбүз шаарга кетип калсак кантет? Сен кандай дейсиң? - деп сурады Арсен бурула калып.

Элес жакын жылып, акырын шыбырай жооп берди:

- Каалаган километрде!

Бул телегейи тегиз маанайда Арсен Саманчин бир кызык жагдайга таң калды: аны артынан калбай ээрчиген өч алуу жөнүндөгү анын кыянат ойлору бара-бара артка чегинди, ал күнөөгө батпай - алар жөнүндө түбөлүккө унуткусу келди. "Барсынчы ары ошол Курчал! Мен жылдызга айланган Айданасыз эле жашай алам. Кандай гана санда жок дөдөй элем. Бүттү! Чекит! Жашоонун башка деле кубанычтары бар эмеспи" деп ойлоду. Анан дагы "Ал эми Кайып колукту баары бир унутулбайт. Бирок эми, мен жаңы күч менен ишке кирише алам..."

Арсен Саманчин Элес менен баш кошуу жөнүндө олуттуу жана катуу ойго батты. Байкашынча алар мүнөздөрү менен да бири-бирине туура келишет. Ал жетишээрлик көп окуган, эстүү жана чырайлуу аял: соода менен иштеген соң абдан эрктүү болсо керек. Бул иште самоор жанындагы көпөс аялга окшоп бир ордуңда олтурбайсың. Баса, туугандарынын жемелегенинен, нааразылыгынан кутулмак. Өзгөчө шеф Бектур ага - айылдагылар кээде атагандай "Черчилль байке" - Ардак агасы жана башка туугандары сүйүнүшмөк. Бирок, албетте, эң негизгиси - ал өзү, Элес тагдырдын мындай бурулушуна канчалык даяр. Анын жеке көйгөйлөрү болушу мүмкүн да. Биринчи сөз, эркек катары, анда. Ал колун сураш керек...

Албетте, бул жөнүндө - баштагыдай тамашалабай, олуттуу - азыр алар бул жерде "Мерген" фирмасынын иштери менен жүргөндө айтса болорун ал Элестин күүлөрүнө кулак төшөй ойлоп жатты. Бирок бакыт үчүн дайыма төлөм талап кылган жашоо, анын максаттарынын жолуна өз тосмосун койду. Арсен Саманчин Таштанафган менен анын жардамчылары даярдап жаткан нерсе тууралуу ойлобоого аракет кылып, өзүнө тыюу салса да, бул ойлордон такыр арылууга алы жетпеди, Таштанафган акылына келээр, алдыда жалтылдаган көп миллиондук олжого карабастан, мындай болуп көрбөгөн тобокелге барбайт, мейли жашоодо бир ирет гана берилсе да, мүмкүнчүлүктөн пайдалануу каалоосун жеңе алат жана өзүнүн туулган айылына гана кырсык алып келбестен, өлкөнүн да беделине шек келтирерин түшүнөт деп өзүн ынандырууга аракет жасады. Эскиче угулат, бирок чиеленишкен жеке маселелериңди чечүүгө туура келген сайын жашоонун кызык түзүлгөнүнө көзүң жетет. Жаралгандан каршы пикирлерге оролгон адам баласы аларга өмүр бою чаташат.

Таштанафган өзүн антиглобалистмин дейт. Бирок ал үчүн антиглобализм - террор ыкмасы. Өзүнө актана турган шылтоо тапканын көр. Марксисттер аны колдошмок. Тоолордун өзүнүн Че Геварасы пайда болуш керек деп ал бир кезде бекер айтпаган. Бирок ага Че Геварадай болмок кайдан! Доллардык сел өзүнүн жолундагы бардык идеялар менен ишенимдерди агызып кетээрде аны айнытып көр. Бечаралардын баштары айланып калды. Кимдин эле кылым бою жакырчылыкта жашап өткүсү келсин, түшүнүктүү да!

Болду эми, жетишет! Баарына кол шилтеп, жоголуп кетсеби! Бирок кайда? Өз керт башыңды го сактап каласың, башкалар эмне болот? Башына аябай таң каларлык ойлор келип жатты. Элести күлдүрүү үчүн ал машинесин жайлатып, калп эле олуттуу боло калып айтты:

- Эгер мен кандайдыр бир себептер менен тоодо, үңкүрдө селсаяк болуп жашап калсам эмне дээр элең?

Элес апкаарыбады, артынан анын ийиндерине ыктала калып жооп берди:

- Эгер чогуу болсо - мен даярмын!

- Бул өтө олуттуу, Элес. Бул жакка менин жаныма өтчү, дагы он километрче калды, сүйлөшөлү.

Ал "Ниваны" токтотту, Элес ылдам түшүп, алдыңкы орундукка олтурду жана дароо анын жүрөгү ого бетер жылый түштү.

- А сен эмне чын эле үңкүрдө жашасам деп кыялданасыңбы?

- Ким билет! Андан көрө айтчы, сен кантип дароо эле мени менен ал жакта жашоого батындың? Алгачкы доордук жашоодон коркпойсуңбу?

- Арсен, мен сага аябай, аябай жаккым келип жатканын сен байкаган жоксуңбу?

- А мен - сага.

- Андай болгон соң, тоодо жашайбыз, бири-бирибизди сүйөбүз... Бирок айтсаң, үңкүрдө жашаганыбызда сен эмне менен алек болосуң?

- Медитация кылам. Сага дарстарды окуйм. Ушундай бир окуу бар - теңирчилик деген. Анын жолдоочулары асманга сыйынышат.

- Бул жөнүндө жергиликтүү молдолор билсе - чогулуп келишип, үңкүрдүн оозун таштар менен бүтөп салышат. Анан эмне болот? Бирок сен анда жалгыз калбайсың, мен жаныңда болом.

- Анда тынчсызданбай эле коёюн. Молдолордун өз жумуштары толтура. Кайдагы бир селсаяк менен кандай иштери бар, алардын түйшүктөрү ааламдык.

- Менин түйшүгүм сен гана болосуң. Демек, сен менин Ааламымсың!

- Сенин түйшүгүң эмнелерден турат?

- Мен биздин балалуу болушубузду абдан каалар элем. Мен колунан жетелеп жүрө турган уул бала. Сенин үңкүрдөгү дарстарыңа алып бармакмын, бала чагынан уксун да.

- Даярмын. Жана ушундай болушун асмандан тилейм. Сен мени кечир, Элес, мүмкүн орунсуз бирок менин билгим келет - сен буга чейин балалуу болдуң беле?

Элес кенедей да өзүн жоготкон жок, кыска жооп берди:

- Жок. Сактанчумун.

- Мындан ары сактанба.

- Жок, антпейм. Тескерисинче мен да бизге мотурайган эркек бала бер деп теңирден сурайм.

- Эгер кыз болсо, андан бетер жакшы!

- Мен да сүйүнөм. Кыздар кичинесинен тың болушат.

- Ал белгилүү дечи! Ошентип, бардык маселелер макулдашылды жана мындай учурларда айтылгандай, ниеттер жөнүндө токтомго кол коюу гана калды, - деп тамашалады ал.

- Эң сонун ниеттер жөнүндө! - деп коштоду Элес.

- Токтомду даярдай салабыз.

Тээ алыстан айылдын чети көрүндү. Караңгы кирген, бардык жакта оттор жаркырайт. Анан капыстан колтелефон шыңгырады:

- Ой, бул мага! - деп шашыла түштү Элес, анан арткы орундукка керилип, кемселинин чөнтөгүнөн колтелефонун алды.

- Ооба, бул сенсиңби, Зейнеп? Билесиңби мен сигнал жетпей турган жайда, тоодо болдум, азыр Туюк-Жардамын. Ооба, угуп жатам. Ооба, ооба, мен факска жооп күтүп жаткам, эмне экен? Он тогузуна? Ушундай тезби? Болуптур, мен ойлонуп анан кайра чалам. Ооба-ооба, сөзсүз, эки сааттан кийин. Кош, Зейнеп.

Колтелефонун чөнтөгүнө салып, Чулгандан, Олуя-Атанын четиндеги шаардан соода боюнча курбусу чалганын түшүндүрдү. Алар төртөө, Элес алардын улуусу, бир кездеги пионер вожатыйга окшош. Саратовдо майда дүң соода борбору бар, ошол жакка барышмак. Ал жакта ар кандай товар сатып алуу боюнча келишимдери бар, кийин аны жергиликтүү соода түйүндөрүнө жана чакан базарларга таратышат.

- Анан эмне барыш керекпи? - деп сурады Арсен кабатырлана. - Каалайсыңбы мен жеткирип коёюн?

- Жок, тынчсызданба. Биз Олуя-Атадан поезд менен жөнөйбүз. Мен ойлогом бизди Саратовго бир жумадан кийин чакырышат деп, көрсө, эртең жолго чыгыш керек экен.

Алар унчукпай калышты. Арсен машинени токтотту. Экөөнүн кыска бейиштик жомок-жашоосуна капыстан көр тиричилик кирип келди. Ойлоп көрсө, мында өзгөчө эч нерсе жок, ар кимдин өз иши, өз түйшүгү бар. Бирок алар өздөрүн асмандан жерге кулап түшкөндөй сезишти. Ошентсе да, ал сезим бир мүнөттөн ашык созулган жок. Элес чечкиндүүлүгүн көрсөттү:

- Мен телефон чалам, Арсен, жана курбуларымды бул жолу Саратовго менсиз барууга көндүрөм.

Бирок Арсен ага ашыкча кыйынчылык туудургусу келбеди:

- Мен бардык аки-чүкүсүн билбейм Элес, бирок макулдашууну бузуп кереги жок го дейм.

- Арсен, - деди Элес, анын ийинине колун тийгизе, - экөөбүз үчүн мен баарына бара алам.

Алар бири-бирин, деңиз үстүндөгү ак чардактардын жуптарындай - добушунан, канаттарынын болоор-болбос серпилишинен түшүнүшөт. Ошентсе да аны эжесинин үйүнүн жанынан түшүрүүдөн мурда, Арсен мындан аркы жашоосун ансыз элестете албасын айтуу, тагыраак айтканда, билдирүү зарыл экенин сезди. Бирок ал моторду өчүрөөр замат кайрадан телефон шыңгырады. Бул мертебе Арсендин колтелефону чырылдап жаткан. Шеф өзү экен. Кайда жүргөнүн сурады жана Туюк-Жарга аким Жанышбаев өзү келгенин билдирди, токтом боюнча сыйлуу конокторду райондун башчысы тосуп алып, учурашуусу керек. Ошондуктан шеф Арсен Саманчиндин тезинен кеңсеге келүүсүн талап кылды. Эртең мененки Олуя-Ата аэропортуна баруу маселесин аким менен талкуулашмакчы.

Ушинтип көр турмуш дагы бир жолу алардын ажайып дүйнөсүнө чарбачылдык менен кирип келди. Шашылууга аргасыз болушту. Такай телефондук байланышта болобуз деп макулдашышты. Арсен текшерүү үчүн ошол жерден Элестин номерин тергенде анын телефону шыңгырады.

- Урматтуу Элес Батыровна, - деди ал сылык баса белгилей, - тынчыңызды алганым үчүн кечириңиз. Бул Арсен Саманчин. Ал сизге дайыма чалып турат, ансыз анда жашоо жок. Кандай дейсиз, Элес Батыровна?

Элес Батыровна жооп кылып акырын күлдү:

- Ооба, ардактуу Арсен Саманчин, мен өзүм сизге чалып турам, телефон чалуудан чалууга чейин жашайм. Рахмат, Махабат Махабатович.

Телефондорду өчүрүп, алар бири-бирин түбөлүк коштошуп жаткансып карашты.

-Мен күтөм! - деди коштошуп жатып Арсен Саманчин.

- Мен да күтөм! - деп жооп берди Элес.

Арсен машинесин айланып өтүп, ага эшикти ачты, алар кайрадан караңгыда короонун четинде бетме-бет келе түшүштү. Ошол көз ирмемде ал Элессиз жашай албасына чындап көзү жетти. Элес:

- Менин кетким келбей жатат, - деди. - Курбуларымды көндүрүп көрөм.

- Байка, Элес. Эгер мүмкүн болсо. Болбосо - мен үч-төрт күн чыдай турам. Сенсиз бул жактан кетпейм.

- Мүмкүн мен Саратовдон Бишкекке келээрмин?

- Бекеттен күтүп алам. Сен телефон чал. Аңчылык канчага созулары белгисиз.

- Ооба, түшүнөм.

Анан алар коштошуп кучакташып турушту. Бекем жана назик.

Арсен Саманчиндин "Нивасы" көрүнбөй калгыча Элес артынан кол булгалап турду. Арсен болсо анын карааны улам кичирейип барып, көлөкөгө айланганча капталдагы күзгүдөн көзүн албады.

Алыстаганда гана ал бир убакта эсине келди - анан жардан кулап түшкөнсүдү, эгер туткундар колго түшүрүлсө эмне болот?! Эч кимге, ага да айта албайсың... Айтсаң - жер көчкү жолуңдагынын баарын шыпырып кетет, "Мерген" фирмасынын чаңы да калбайт. Айтпаса - андан да жаман...

Кандай кылыш керек?

Арсен Саманчин кеңсеге келип, шефтин бөлмөсүнө бет алганда кабылдамада башка жардамчылардын арасынан Таштанафганды көрдү. Ал биринчи саламдашты:

- Салам, Арсен, келдиңби? Жүр, антпесе шеф күтүп калды, - деп эч нерсе болбогонсуп кол алышты. Каалганын алдынан: - Акимдин атын билесиңби? Аты, атасынын аты? - деп сурады.

- Жок. Биз жакшы тааныш эмеспиз.

- Корчубек Алтаевич. Жанышбаев Корчубек Алтаевич. Эстеп калдыңбы? Дагы бир нерсе, аким конокторго акимчиликтен белекке эки бүркүттү камдап коюптур.

- Түшүнүктүү. Сен бул жерде кайдан?

- Кайдан болмок эле, мен жөн эле айдооч эмесмин да, мындай маанилүү иштер болгондо шеф мени дайыма чакырат.

- Түшүнүктүү.

- Кандай анан, Элес менен машине тептиңби?

- Сенин ишиң канча?

- Койсоңчу! Ал жакшы кыз, дал сен үчүн.

Ошону менен бөлмөгө кирип келишти. Салтка жараша алгач Арсен Саманчин аким менен саламдашты - кырктар чамасындагы, күрмөчөн, галстукчан, толугураак келбеттүү киши экен. Буга чейин эки-үч жолу кайсы бир конференцияларда көрүшкөнүн эстеди. Андан кийин Бектур байкеси менен учурашты. Сөздү аким өзү баштады:

- А биз бул жерде сени күтүп олтурабыз, Арсен. Кээ бир маселелер жөнүндө сүйлөшүү керек.

- Мен даярмын, Корчубек Алтаевич. Менин ишим - негизинен котормочулук. Синхронист болом.

- Билем-билем. Котормочусуз бул иште эч болбойт. Бирок сен биз үчүн жөн гана котормочу эмессиң, Арсен. Сенин ушундай тууганың бар - Бектурган ага "Черчилль-ага"! Сыймыктан! Биздин Беке мурда колхозду да бекем кармаган, мына эми бүт аңчылык аркарлардан илбирстерге чейин анын колунда. Ал эми басма сөздө болсо өзүң хандардын бирисиң!

Тамашага баары күлүштү, анан олуттуу сөз башталды. Негизинен аким сүйлөп жатты. Алгач ал кеңешүүнү чечти - бүркүттөрдү тартуулоо аземин кандай уюштурса дурус болот (араб байлары тоо бүркүттөрү менен шумкарларды абдан жакшы көрүшөт жана үзөңгүлөштүк алгыр куштарды өз мекенине кубанып алып кетишет). Тартуу кылуу аземи салтанаттуу жагдайда өтөт: башында кайыш томогосу бар бүркүт, кудай сактасын, сыйлуу коноктун колун тытып албашы үчүн кайыш кол кап кийилген колго сунулган колдон өткөрүлөт. Маселе мында эле, бүркүттөрдү коноктор Туюк-Жарга келээри менен берген оңбу же аңчылыктан кийин кетээрдеби?

Таштанафган оюн ортого салууга шашылды: конокторду негизги нерседен, аңчылыктан алаксытпай, тартууну акырында, кетээр алдында бардык шаан-шөкөтү менен берген дурус болот го. Аны шеф Бектур да, калгандар да колдошту. Аким Жанышбаев да бул жүйөөгө макул болду. Эрдемсиген Таштанафган андан ары күчөдү - тартуулоону эски салт боюнча аңчылык дубасын түшүрө турган бакшынын катышуусунда өткөрүш керек, - деди.

- Бизде андай бакшылар бар, - бүркүттөр жөнүндө да дуба түшүрүп, зикир чалышат. Коноктор алар эмне жөнүндө айтып жатканын билгилери келет, мына сен, Арсен, англисче которуп бересиң! Мүмкүн сен алардын башаламан сөзүнөн адашып калбоо үчүн күн мурунтан бир бакшыны угуп көрөөрсүң?

- Болуптур, ойлонуп көрөйүн. - Арсен Саманчин Таштанафгандын эмне болуп жатканын түшүнбөй кыжырлана жооп берди. "Чын эле оюн өзгөрттүбү? Жакшы болот эле! Эгер анткорлонуп жатсачы?"

Таштанафган анын уйгу-туйгу болгонун сезгенсип, ого бетер башын айлантты, Шамалбаш аттуу бир бакшы жөнүндө жомок айта баштады:

- Бизде Туюк-Жарда, Корчубек Алтаевич, бир бакшы бар, башка андай бакшы эч жерден табылбайт. Бектур ага, сиз билесиз го Шамалбашты, - Тиги жылмайып башын ийкеди. - Сен деле, Арсен, уксаң керек? Айылда аны кары-жашы дебей баары билишет. Эгер ал от алып алса - кутулбайсың! Ак ура баштасачы! Бийлейт, секирет, кырылдайт, кыйкырат:

Көргөн жоксуңарбы?

Тоолор кулаганын?

Көргөн жоксуңарбы

Талдар сулаганын?

Көргөн жоксуңарбы

Дайра өйдө акканын?

Мунун баарын мен кылдым,

Баарыңарды айдаймын,

Сарайларга камаймын,

Жыгылгыла бутума,

Албайсыңар кутула.

Мен - Шамалбаш, баары келет колумдан!

Мен - Шамалбаш, баары келет колумдан!

Бардыгы күлүштү. Райаким Жанышбаев жайдары сурады:

- Демек, ошол Шамалбашты конокторго көрсөтсө болот деп ойлойсуңбу?

Бирок шеф Бектур:

- Ойлонуп да кажети жок! - деп чечкиндүү жооп айта салды. - Жакын жолотууга болбойт! Шамалбаш жулкунат, кыйкырат, коркутат, анын жөөлүгөнүн которуш керек болот. Кандай ойлойсуң, Арсен, ушундай башаламандыкты уюштуруунун кереги барбы?

- Которуу - кыйын эмес. Бирок бүркүттөрдү тартуулоо салтанаттуу азем, алаксыбай эле койгон оң. Бүркүттөр абройлуу куштар, тоту куш эмес го...

Кайрадан баары каткырышты. Андан соң түздөн-түз ишке киришишти. Сыртта түн кирди. Шеф Бектур аңгыча Черчилль сымал тамекисин түтөтүп бышылдай, райакимге эмнегедир "Жаабарс" деп аталган планды толугу менен баяндады. Бардыгы кол дептерлерине "Жаабарс планы" деп жазып алышты. Бир пункттун артынан экинчисин белгилешти: конокторду аэропорттон тосуп алуу; аларды Туюк-Жарга коштоп келүү; коноктор үчүн бөлмөлөрдө түнөө; коноктордун сакчыларын иш бөлмөсүнө жайгаштыруу; эртең мененки туруу жана тоого чыгууга камынуу. Ал эми тоодо чакан лагерь дайындалган, коноктор үчүн өзгөчө чатырлар тигилген, алардын жайлуулугу үчүн талап кылынгандардын баары эске алынган. Капчыгайга жөнөө үчүн машинелер камдалган, алардын арасында Катардан жүк ташыгыч учак менен алып келине турган америкалык "Хаммер" да бар. Андан ары машине жүрбөгөн тоодогу жалгыз аяк жолдордо бардыгы ат менен жүрүшөт, аттар даяр жана абдан жакшы такаланган. Ал эми акыркы бөлүктө жөө жылуу, аскалар менен буйткаларга тырмышып чыгуу керек, бул эми мерген сүйүүчүлөрдүн өз иши. Райаким менен жолугушууда катышкандардын баарын Жаабарс планынын бардык беренелери боюнча төлөө каралганы жөнүндө маалымат абдан кубандырды, күйүүчү майдын, аттарды ижарага алуунун, ээрлердин, тизгиндердин жадагалса от жагуу үчүн отундун да баасын камтыган чыгашалар эске алынган. Бул Туюк-Жарлыктарга күчтүү таасир калтырган, чыныгы ишкердик-план болду. Эми базар деген эмне экенин алар да түшүнүштү. Төлөмөйүнчө бир да кадам жылба.

Баарынын маанайлары көтөрүңкү боло түштү. Райаким Жанышбаев шеф Бектурдан кызыга сурады:

- Беке аксакал, план өтө мыкты түзүлүптүр, а мындай аталышы кайдан - Жаабарс?

Тамекисин түтөтө соруп, шеф Бектур жылмайып койду:

- Жаабарс жөнүндө бир ыр бар, биз жакта баары билишет. Арсен, сен, менимче, кайсы бир макалаңда бул тууралуу жазсаң керек эле?

- Ооба, Беке, ошондой болгон, фольклор жөнүндө сөз болгон.

- Мына ошентип , Корчубек Алтаевич, андагы мындай сөздөр эсиме түштү, азыр аткарып көрөйүн:

Тоодон-тоого секирди Жаабарс,

Олжосун кармап, жеп кирди Жаабарс.

Олжого дайым ыраазы Жаабарс,

Табият берген күчү бар кайтпас.

Силерге каалайм күч-кубат талбас,

Бизде да болсун ажалдан тайбас,

Биздин Жаабарс, баатыр Жаабарс.

Райаким кол чапты:

- Демек, ушундан алыныптыр да! Эң сонун! Демек, аксакал Беке, сиз өзүңүз баатыр Жаабарс экенсиз да?

Шеф Бектурган ийинин куушурду:

- Эми кандай десем. Эгер ишкердик жаатында болсо, биздин аймакта колумдан кээ бир нерсе келип жаткандыр. Бирок чыныгы Жаабарс баатырлар - жаштар. Мына биздин Таштанафган - эгер ак илбирстерди таап айдап келсе, Жаабарс баатыр мына ошол болот!

- Рахмат, рахмат! - ыраазы боло кобуранды Таштанафган.

- Дагы бир биздин Жаабарс-баатыр мына бул бардык тилдер боюнча илимпоз Арсен! Менин иним!

- Мен кайдан Жаабарс болоюн. Мен бир нече күнгө жардамчы-тилмечмин, а тилмечтер баатыр болушпайт, - деп Арсен Саманчин тамашага салып кутулууга аракеттенди.

Күлүштү. Жайдары, чын ыкластык чөйрөсү ак илбирске аңчылык кылуу башталышында эле жакшы башат алганын айгинелеп турду. Башкы ролду аткаруучулардын сахнага чыгышы гана калды. Андан ары белгилүү болот, ийгилик аларга жылмаябы бул дагы - тагдырдын буйругу эмеспи, мергендердин гана тагдыры эмес, аңчылык боло тургандардын да тагдыры. Азырынча баары ойдогудай жүрүп жатты.

Райаким Жанышбаев жакшы маанайда кетип баратты. Ал сыйлуу конокторду тосууга түз эле аэропортко келип, жергиликтүү акимчиликтин атынан аларга салам айтып кете турган болду, ал эми бүркүттөрдү тапшыруу салтанатын аңчылыктын жүрүшүндө макулдашмакчы болушту, ал айткандай - аңчылык канча күн созулаары белгисиз да.

- Арабдар кандай ыраазычылык жооп кайтарат, алардын иши, кандай оң болот дешсе да, коноктор деген коноктор, - деп алдын-ала түшүндүрдү шеф Бектур.

Катышкандардын баары акимди узатып чыгышты. Ал коштошуп жатып:

- Рахмат. Чай ичтик, сүйлөштүк, мен барайын, саат тогуз болду, - деп кол саатын карады. - Силер менен кеңешүү кызыктуу жана пайдалуу болгондуктан убакыт тез өтүп кетти. Ал эми силердин Жаабарс планы болсо - бүтүндөй бир стратегия деп айтса да болот. Болуптур, Беке аксакал, аэропорттон жолугушканча. Ийгилик силерге!

Кучакташып, бири-биринин колдорун кысыша, коштошушту. Жердештеринин кең пейилдигине Арсен Саманчин таңданды, ишкердик бул жерде да өз ролун ойноду деген ой кетти. Анткени, баарынан тышкары, коноктордун - мунай магнаттарынын жоомарттыгына үмүттөнүп жатат - ошондуктан ички туюмдары менен ар ким өзүнүн ишке катышуусун баса белгилөөгө умтулуп жатышат. Жергиликтүү акимчиликтин башчысы да алардын катарында.

Бирок бул, акыр аягы, кадимки турмуштук жагдай. Таштанафгандын жүрүм-туруму таң калтырды. Ал ушунчалык кызыктар, активдүү жана сылык болгондуктан анын кандай куулук ойлоп жүргөнү - кайсы бир жагынан ал да базардык - эч кимдин оюна да келмек эмес. Абийири ойгонгон жокпу? Кудай жалгап баары жакшы жакка өзгөрсө экен деп үмүттөнө ойлоду Арсен Саманчин. Бирок тынчсызданганы басылбады, таамай суроо берип, оң жооп алгысы келди, бирок азырынча анте албайт. Анын үстүнө Элес жөнүндө кабатырланды, ага телефон чалганы жатты, бирок андан мурда Таштанафган менен сүйлөшүш керек эле. Райаким жана шеф Бектур менен коштошуп, Таштанафган ат байлоого бет алды, ал жакта анын да аты турган. Арсен Саманчин ал атын чечип, минүүгө камынганда жакын келди.

- Укчу, - деп ал Таштанафганды токтотту, - тиги аскер шапкең эмне болду анан? Кийесиңби?

- Күмөн санаба. Баары ойдогудай болот.

- Ойдогудай дегениң кандай?

- Айттым го: күмөн санаба! Бүттү! Мен шашылышмын.

Классташын түшүнбөгөн бойдон калтырып, Таштанафган жөнөп кетти.

Мунун баарын кантип түшүнүүгө болот? Азыр эле ал оюнан баш тартып, тизе бүгүп жыгылгандай көрүнбөдү беле - ушунчалык сылык жана кылдат болчу; эми мына - сүйлөшкүсү да келбеди. Бир чети, мүмкүн, түшүнсө болот, кыялдагы пландан баш тартуу ал үчүн кыйынга тургандыр, буга чоң эрк талап кылынды, ошол үчүн бир аз өзүн кармана албай калды. Мейли эми! Акылына келсе эле болду, андан көрө аңчылыкта Жаабарс-баатыр болсун.

Арсен Саманчиндин өзүнө да кыйын болду, чындыкка баш ийүү менен ал өзүн ыңгайсыз сезди. Бир да жан мындай аңчылык ишкердиги айлана-чөйрөгө кандай залал келтирип жатканы тууралуу ооз да ачкан жок. Баарына баары бир болучу. Сейрек, анан дагы ушундай ийгиликтүү ишкердиктин ээси менен жакын тууганчылык байланыштыргандыктан ал да токтоо унчукпай жүрдү. Базар экономикасы өз торуна адамдарды гана түшүрбөстөн алардын жан дүйнөсүн да торго түшүрөт. Жанараакта шеф Бектурган аларга мындай окуяны айтып берди. Күндүз иштерге кызыгып келген айылдаштардын арасында болбогон идеясы менен бир макоо киши болду. Ал: ак илбирстерге аңчылык бул арзыбаган иш. Келгиле, башка нерсе тууралуу ойлонолу, тоодогу карды да сатууга болот эмеспи деди. Шеф Бектур эмне деген сандырактык деп таңданды, тиги болсо далил келтирет: азыркы заманда баары сатылат жана сатылып алынат. Биздин тоолордогу карлар - бул дарыядагы суу. Бүтүндөй Орто Азия биздин карларга көз каранды. Ал эми тоолор - биздики, карлар да, муздар да - биздики эмеспи. Тегиздиктеги сугаттар, бардык түшүм, көлмөлөр асмандан түшкөн жок да! Баары бизден! Андай болгон соң, келгиле суу үчүн акча төлөөнү талап кылабыз. Эмне үчүн мунайзат, газ жана башка энергия өтө кымбат баада сатылат, эч кимге арзандатуу болбойт, а биз ансыз өрөөндөрдө эч бир жашоо болбой турган сууну жөн эле берип жатабыз жана эч ким рахмат деп да айтпайт? Тиги төмөн жактагылар бизди, тоолуктарды киши ордуна санашпайт. Анан эмне үчүн ак илбирстердин артынан чуркайбыз? Мерген фирмасы аңчылык боюнча гана кызмат көрсөтпөстөн, сууну да соодаласын, ошондо баарыбызга андан киреше болот. Ошол адам мына ушундай, бу да болсо базардык, идеяны кызуу баяндады. Аны тынчтандырып - суу бул Кудайдын баарына берген тартуусу, - деп ишендирүүгө туура келди.

Бул окуя өз негизинде азыркы замандын базардык талаптарына ээ болбогондо күлкүлүү болмок....

Ушуларды ойлоно Арсен Саманчин рулга олтурду, анан моторду иштетпей туруп, Элестин номерин терди. Анын телефону бош эмес, курбулары менен дагы эле соода иштери боюнча сүйлөшүп жатышат. Элестин үнүн уккусу келген. Жаабарс планы жөнүндө ойлогондо, ал ошол күнү сүйлөшкөндөрдүн арасынан башына ак илбирстерге аёосуз аңчылык кылууга каршы чыгуу ою келген жалгыз адам Элес экенин белгиледи. Чынында, ал алардын акча табуу мүмкүнчүлүгүнө доо кетирип жаткандыктан, айылдаштары аны колдобосун түшүнүп турду. Ошентсе да, жок дегенде бир кайдыгер эмес адам бар экени жеңилдетти. Арсен аны уккусу келди жана аны да укса деди, чалып жатты, бирок байланыша албады.

Эжесинин үйүнө кайтуу керек, ал жакта аны күтүп жатышат. Эртең эрте - шеф Бектурган менен аэропортко баруу, анан сыйлуу адамдардын келишине даярдык көрүү, андан соң тоого жөнөө, алгач машине менен, андан ары атчан, андан да ары шагылдар, чуңкурлар, күрткүлөр менен жөө ак илбирстер жүргөн жайларга чыгуу, анан акыры аңчылык, колго курал алып жырткычтардын изине сая түшүү. Шеф Бектур ушунун баарын эң сонун түшүнөт жана ошондуктан бул ишке Арсендин катышканына абдан ичи жылыйт. Бардык эле тилмеч тоого чыгууга жарабайт, а сен азыр өз күчүңө толуп турган чагың. Биздин урууда жигиттер дайыма күчтүү болушкан. Кудай берсин. Ал туура айтса керек. Арсен араб коноктор менен тең чамал болучу. Алар, чынында, машыккан альпинисттер, эч нерсе эмес, көрөбүз...

Бул жараян ыкчамдык менен алдыга умтула башталып Элести тынсыздандырды, убарага салды. Соода иши боюнча курбуларын өздөрүнчө кетүүгө көндүрө албады. Саратовко барууну да кийинкиге калтыра албай Элес азап чекти, телефонунан ажырабай, улам зарядкалады, ал өчүп калып, сүйгөнү менен сүйлөшө албай калуудан коркту, эртең акыры Саратовко жөнөгөнү жатты.

Ал канча ирет дүйнө кезүүгө аргасыз болду: арзан чүпүрөк ныкталган чоң оор баштыктарды канча көтөрдү! Жолдо аман жетүү үчүн кандай гана азап-тозокту көрбөдү. Милиция менен бажычылар поезддерде жана блокпосттордо тапкан акыркы тыйынын жулуп алышчу! Ошентсе да эч качан анын жүрөгү кезектеги жол жүрүүгө минтип каршы чыккан эмес. Башында атүгүл эч бир ойго келгис каалоо пайда болду - тоого илбирстерге кетүү, ал жактан мергендердин арасындагы өзүнүн сүйгөнүн алдынан утурлап чыгып, аны күтүп жатканын, аны менен каалаган жакка кетүүгө даяр экенин айтуу. Бирок чын турмушта ал өнөктөш-курбуларынын алдында өз милдетин аткарышы керек. Алар бардык жакта төртөө болуп жүрүшчү - Зейнеп жана коңшу айылдан дагы эки аял, ушундай топтошуу менен гана кылмышкерлерден сактанууга болот: жалгыздап көп соодагер аялдар жоголушкан. Анын үстүнө, анын, Элестин гана расмий документи бар болчу - көзөмөл пункттардан өтүү уруксат кагазы, курбулары анын жардамчылары деп жазылган. Андыктан ал эч барбай коё алмак эмес. Ал түнү Элес үнүн чыгарбай акырын ыйлады, тартуулаган бактысынан айрыбоону Кудайдан тиленди....

Жана көптөн күттүргөн телефон чалуу болгондо гана, алар сезим көлүнө чөмүлгөндө, ал өз иштери тууралуу ага, ал эми ал - өзүнүкү тууралуу айтып берип, алар бири-бирине жакында жолугушарын убадалашкан соң гана жүрөгү жеңилдей түштү....

Ал түнү тоолордун үстүндө толгон ай жарык чачты. Дал ошол ачык асмандагы майда жылдыздардын тобу менен курчалган чоң айга, катуу ырылдап кайрылып жатты жээринди Жаабарс. Айга кусасын айтып даттанды, бирок ай жооп бербеди. Бир жакка кетип, башка ак илбирстерге жакыныраак барса го, бирок антпеди, Үзөңгүлөш ашуусунун алдында арбалып калгансып жүрө берди. Алтургай, мына экинчи күнү баягы эле үч атчандын аймакта пайда болушу да, үңкүйгөн Жаабарсты кебелткен жок. Жүрө беришсин, анын иши эмне. Бекер, анткени дал ошону, "чоң баш-туу куйрукту" алар дүрбү салып карап жатышкан...

IX

Негизинен Бектурдун Жаабарс планы иштин үзгүлтүксүз, график боюнча жүрүшүн камсыз кылды. Уюштуруучуларга рахмат айтуу керек, план чынында эле жакшы ойлонуштурулган жана эсептелген, ошондуктан эч кандай кыйынчылык болгон жок. Аңчылыкка даярдануу жана аны өткөрүү боюнча иш-чарага бүт Туюк-Жар айылы катышты десе да болот. Бул күндөрү айылдыктар кары дебей, жаш дебей ак илбирстерге мергенчиликтин аякташын жана жомоктогудай акчаны күтүү менен жашады. Айылда толкундануу өкүм сүрүп турду. Бардыгы конокторго ак жол каалашты. Бир гана ак илбирстер аларды жакында эмне күтөөрүнөн шек алышкан жок.

"Мерген" фирмасы үчүн баары ийгиликтүү болуп жатты, коноктор менен бардык сүйлөшүүлөр дээрлик күнү-түнү дебестен Арсен Саманчиндин ортомчулугу аркасында жүргүзүлдү. Шеф Бектур Арсенсиз мындай жемиштүү өз ара түшүнүү болбосуна көзү жетти, андыктан инисине ыраазычылыгын билдирүү мүмкүнчүлүгүн коё берген жок: Дагы бир жолу айтам, Арсен биздин кымбаттуубуз, сен келгиндер менен сүйлөшкөндө алар жамгырдан кийинки гүлдөргө окшоп, жандана түшүп жатышат. Мен бир да сөзүн түшүнбөсөм дагы, муну алардын көздөрүнөн көрүп жатам.

Чынында эле ошондой болду окшойт. Биринчи саламдашуудан тартып андан ары аэропорттон келе жаткан жолдо, маектешүүдө жана башка орчундуу темаларга араб коноктор жана алардын жардамчылары жакшылык ниеттерин билдирүү менен пикирлерин айтышты. Өз кезегинде, Арсен Саманчинге да, оор жумушуна карабастан - анткени ага күнү-түнү дебей англис, орус жана кыргыз тилдерине которууга туура келди - өзүнчө кызыктуу болду. Биринчи этап - даярдоочу топтун келиши, алардын артынан коноктордун келиши - негизинен анын аркасында уюшкандык жана маданияттуулук менен, ашкере ызы-чуусуз ишке ашырылды.

Эки конок тең ачык-айрым, тең чамал, заманга ылайык ой жүгүртүшкөн, спортту сүйгөн, акылдуу, жылуу жүздүү жаш жигиттер болуп чыкты; бирөө Кембриджди бүтүптүр, экинчиси - Оксфордду. Хасан кара мурутчан, Мисир таза кырынган. Байкашынча, жырткычтарга аңчылык кылуу алар үчүн баатырлануу ыкмасы эмес, спорттун кооптуу шарттагы түрү болучу.

Башталышы үчүн бул маалыматтар менен байкоолор жетиштүү. Өз кезегинде Арсен конокторго өлкөсү, бул тоолуу аймак, бийик тоолуу климат, жергиликтүү калк, элдик салт-санаалар туурасында айтып берди.

Туюк-Жарга кербен сымал чубап - алдыда шеф Бектур өзүнүн жибинде, анын артынан Хаммерлерде меймандар жана алар менен Арсен Саманчин котормочу жана такай коштоочу-кеңешчи катары, артынан сакчылар, кызматчылар жана телерепортерлор машинелер менен келе жатышты.

Бардык Туюк-Жарлыктар конокторду тосуп, көчөгө агылды. Хаммердин келбетине айраң таң калган балдар жол жээгин бойлой иттер менен жарышып кошо чуркашты, мындай машинени алар биринчи жолу көрүшү, жана ушундай укмуш айылдын көчөлөрү менен кетип баратканына ишене алышпады. Балдар эле эмес, чоңдордон да кээ бирөө таң калды: алар миллионерлерди көрөбүз деп күткөн, бирок спорттук кийимчен жупуну жигиттерди көрүштү.

Күн кечтеп баратты. Конокторду келээри менен атайын даярдалган бөлмөлөргө жайгаштырышты. Бир аз эс алгандан кийин чакан кечки тамак уюштурулду, арак сунушталды, бирок коноктор мындай ырахатты аңчылык аяктаганда гана, Чыгышта өтө жогору бааланган ак илбирстердин терилери алардын олжосу болгондо гана уруксат эте алабыз деп тамашалай баш тартышты. Сөзгө аралжы кылып маектешүү учурунда Арсен Саманчин араб мергендерине Кайып колукту тууралуу уламышты айтып берди. Эстерине салып гана коём деп ойлогон, бирок толкунданып, конокторду да толкундантканын өзү да байкабай калды. Алар дайыма болуучу уруудагы көрө албастык жана жек көрүү себеп болгон болочок күйөө менен колуктунун кайгысына аябай кошо кайгырышты жана болочок күйөөнүн чыгаан мерген экенин, эң баалуу тартуу катары колуктусунун ата-энесине ак илбирстердин терилерин бергенин жүрөктөрүнө өтө жакын кабыл алышты, ал учурда ок атуучу курал да жок эмес беле. Азыр да ак илбирстердин терисин белек кылуу салты барбы деп сурашты. Демек, илбирс териси, кабылан менен жолборстукундай эле - жогорку сапаттагы жаратылыш байлыгы экен да? Арсен Саманчин алардын ачыктыгынан кызыгууну гана эмес өзүнө тарткан ак ниеттүүлүктү байкады. Сөз арасында коноктор: "Сиз араб өлкөлөрүндө болдуңуз беле?" - деп сурашты жана Египеттен башка эч жерде боло элегин угуп, алардын мамлекетине келип кет деп чакырышты, өздөрүнүн маалымат күбөлүктөрүн беришти, ага сый-урмат көрсөтүлөрүн айтышты жана досчулук менен көчмөн арабдардын айылдарына барууну уюштурмак болушту. Албетте, Арсен чын дилден ыраазычылыгын билдирди жана алардын өзгөчө кызыгууларын эске алып - анын үстүнө шеф да мурунураак бул жөнүндө өтүнгөн - сүйлөшүүдө маанилүү социалдык жана саясий маселелерди козгогон жок, ошентсе да журналист катары, алардын учурдагы маанилүү темалар боюнча пикирлерин уккусу келген. Мындай тандалма адамдардын дүйнө таануу боюнча өз көз караштары болушу толук мүмкүн эле. Антсе да коомдук жана саясий түшүнүктөргө баш ийбеген жалпы дүйнөлүк маселелер да бар. Мисалы, экологиялык. Кээде алар өтө чектелүүдөй болуп көрүнөт - бир жерде бир нерсе болуп жатат, бирок бизге анын тиешеси жок, ошол эле учурда негизинен ар бир экологиялык жылыш акыры барып бүтүндөй Жердин жаратылышына таасир этет. Арсендин коноктор менен көп нерсе туурасында сүйлөшкүсү келди, бирок Бектур байкеси айткандай: Биздин ишкердикте эң негизгиси меймандостук - а бул эрежелерди бузууга болбойт. Мейли конокко жагымдуу, бейпил жана жайлуу болсун.

Ошондой болсо мейли го, бирок Арсен Саманчиндин жүрөгүнө сайылган тикен - Таштанафган улам-улам өзү жөнүндө билдирип жатты. Оюнан айнып өкүнгөнсүйт, тынчтангансыйт... Жүрүм-турумунан бул көрүнүп турду, бирок...

Уктаар алдында, коноктор таза абадан дем алуу үчүн короого чыгышты. Түнкү көрүнүшкө көз чаптырышты - толгон ай, жылтылдаган жылдыздар, ачык асман, ал эми алардын астында - эбегейсиз зор, өркөчтөлө дымый түшкөн ак карлуу тоо кыркалары.

Аларды колу менен көрсөтө, Хасан суроо узатты:

- Арсен мырза, тээтиги тоолордо мерген күйөө аңчылык кылса керек ээ?

- Ооба, ал ошол жакта жашап жана аңчылык кылган, - деп жооп берди Арсен Саманчин.

А Мисир өз кезегинде:

- Кайып колукту да ошол жакта жер кезип ыйлады беле? - деп сурады.

- Ооба, ал ушул күнгө чейин эле мерген күйөөсүн чакырып, издеп жүрөт.

- Бечара! - деп муңдуу үшкүрдү Хасан. Мисир болсо кызыктуу ойду айтты:

- Мүмкүн ал дүйнөгө кандай болсо ошондой бойдон керектир. Эгер бийиктиктен телекамерага тоолордон жүгүргөн кызды, актрисаны тартып алса, ал символикалык белги боло алмак.

- Кооз идея! - деп коштоду аны Хасан. - Кайып колуктуну сүйүү жана туруктуулуктун сактоочусу деп жарыяласа, ал ар бир адамга жакын болот. Сүйүү кайгысы дайыма жакын жүрөт эмеспи. Сиз бул жаатында кандай ойдосуз, Арсен мырза?

- Мен көптөн бери "Кайып колукту" операсы жөнүндө кыялданып келем. Эгер ал ишке ашканда... Силердин ойлоруңар мени ого бетер шыктандырды. Оюбуз бир жерден чыкканына мен аябай толкунданып турам.

Мына ошентип кайрадан күтүүсүз жерден Кайып колукту идеясы пайда болду. Бул жөнүндө аңчылыктан кийин, жай олтуруп шашпай сүйлөшмөк болушту.

Анан кош айтышышты:

- Түнүңүздөр бейпил болсун!

- Эртең менен көрүшкөнчө!

Эжесинин үйүнө келип, ал дагы бир аз басып жүрдү. Коноктордун ой толгоолору Арсен Саманчинди абдан таасирлендирди. Күткөн эмес. Европалык билим алуулары байкалып турду. Ошол эле учурда таң калып да жатты: алар кантип жогорку материялар менен аңчылык кумарын шайкеш алып жүрүшөт?

Ошентип уктоочу убакыт да келди.

Тоодогу бардык жандыктар ошол саатта түнкү дүйнөнүн бейпил кучагына чөмүлө, уктап баратышты. Жаабарс гана Үзөңгүлөш ашуусунун алдында жанын коёрго жер таппай жатты, айга карап ырылдады, тамандарын тиштегиледи, өзү да түшүнбөстөн тынчын алган кооптуу бир нерсени алдын-ала сезип жатты...

Баягы эле үн алыстан дагы угулду. Ал да, Кайып колукту да уктай албады...

Кимдир бирөө ал түнү жер бетиндеги сүйгөнү жөнүндө ойлоду. Элес ал жакта кантти экен? Курбулары менен Саратов поездине үлгүрүштү бекен?

Эгер үлгүрүшпөсө бир күн күтүүгө туура келет. Поезддер азыр сейрек каттайт. Бардыгы учакка өтүп кетишкен. Элес эртең менен телефон чалган, андан башка сүйлөшө алышпады. Бир да мүнөт болгон жок. Дарыя боюндагы капчыгайдагы экөөнүн ортосундагы эстен чыккыс нерсе кайрадан эске түштү жана жыргалдуу бакыттын көз ирмеми кайра-кайра кайталана берүүсүн самады...

Түн өттү. Таңга маал аба ырайы бузулду. Кайдан-жайдан экени белгисиз тоолордун үстүнө булуттар топтолду. Шамал ар тараптан улам-улам согуп турду. Акыркы күндөрү ушундай бейкуттук, ушундай жайкы тынчтык өкүм сүрбөдү беле, дайыма ушундай боло берчүдөй сезилген. Бирок азыр да тынчсыздана турган себеп жок. Күн кандай тез бүркөлсө ошондой эле күтүүсүздөн ачылып кетиши мүмкүн. Муну жамгырдын же андан да жаман - нөшөрдүн жышааны катары кабыл албоо керек.

Таң эртеден баштап ызы-чуу түшүштү. Үлгүрүп гана жетиш, "Мерген" фирмасынын расмий иш кагаздарында жазылгандай оперативдик аңчылык иш-чарасын уюштуруу керек болчу.

Коноктордун ок өтпөс "Хаммери" менен жөнөөрдүн алдында, Арсен Саманчин кокус бир нерсе унутулган жокпу деп дагы бир жолу текшерди: снайпердик курал, автоматтык курал, дүрбүлөр, мегафон-катуу сүйлөгүчтөр, бийиктикте бирөө-жарым дем жетпей кыйналса керек боло турган дем алуу маскалары жана башка көп нерселер...

Аттар менен жүрүүчү жайга чейин жакшы жетишти, саатына кырк-элүү километрден ашпай, отуз километрдей машинеде жүрүштү. Ат багуучулар даяр күтүп жатышкан. Бардык аттар такаланган жана токулган.

Ал жерден буюм-тайымдарды аттарга жүктөштү. Иштин жүрүшүнө шеф Бектурган өзү көз салып жүрдү.

Арабдар мыкты чабандестер экен, тоодо атчан жүрүү - ат майданынын түз жолдорундагыдай эмес. Тоолук атчан ар убакытта ээрде тең салмактуулукту сактап, бирде оңдон, бирде солдон аскадан шагыл таш кулап жатканда атынын басыгын байкап бастырышы керек.

Чубатуу менен жылып отурушту. Алдыда коштоочу болуп жергиликтүү койчу, анын артынан шеф Бектур, андан ары - коноктор, артында - Арсен Саманчин. Азырынча түздөн-түз сүйлөшүүгө болот, бирок ар бирөөндө алыс аралыкта да бири-бири менен байланышты үзбөө үчүн мегафон бар. Сакчылар жана жардамчылар бир аз артта келе жатышат.

Тоолордун арасы улам тарып, урчуктары салаңдаган аскалар асмандаган майда шагылдуу беттерде жүрүш кыйындады, бирок аттар токтободу.

Анын ортосунда бийик тоонун жаныбарлар дүйнөсү өзүн көрсөтө баштады - бир нече ирет ар кай жакка үркө чуркаган тоо текелер менен мүйүздүү аркарлар көрүндү. Жырткычтардын түбөлүк ача туяктуу жеми өз керектөөлөрү менен бир жакка чубап баратышты. Аларды дүрбү менен байкап, алардын кериле шамдагай секиргендерине суктана, Хасан атын жайлатты да:

- Мен азыр ойлоп кеттим, достор, - деди анча-мынча энтиге, - эгер бул укмуш жаныбарлар чогулуп алышып башка аймактарга кетип калышса, ак илбирстер ачкалыктан бири-биринин тамактарын кырчып салышса керек ээ?

- Акылдары жетпейт да! - жылмая сөздү улады Мисир. - Антпесе качып кетишмек.

- Мүмкүн, тескерисинче, жаратылыш ушундайча акылдуу түзүлгөндүр? - деди Арсен Саманчин.

Эки мерген тең жылмайышты.

- Туура! Жаратылыштын акылдуулугуна таазим этүү керек!

- Илбирстердин жолу болгону, биздин да жолубуздун болоору! Ошондойбу?

Бул тамаша аралаш пикир алмашуу аргасыздан өз ара жактыруу чөйрөсүн жаратты жана бул өтө маанилүү эле. Арсен Саманчин коноктор өздөрүн мүмкүн болушунча бейпил жайлуу сезишин каалады, анткени алар бул жакка аңчылык үчүн гана келишкен жок да. Мындай учурда адамдык мамилелер өтө маанилүү.

- Мына, урматтуу коноктор, - деди ал, - биздин фирманын башчысы шеф Бектурган силерге тээтиги зооканын ары жагында дем алаарыбызды айтууну суранды - ал жакта чатырлар тигилген токтоочу жай бар. Ошол жакка аттарды калтырабыз, андан ары - жөө гана жүрүүгө болот.

- Биз даярбыз.

- Аңчылык деген аңчылык...

Убакыт түшкө маал болду. Шеф Бектурга рахмат, бир аз дем алуу уюштурду, чатырларда олтуруп, тоо кымызын ичишти. Бийиктик таасир эте баштады - кыйынчылык менен дем алып жатышты. Жол баштыктарды асынып көрүштү, курал-жарак, мегафондорду, жана башка шаймандарын асынышты.

Коноктор оор жол жүрүүдөн кийин чатырларга жайланышканда Арсен үчүн бөлүнүүгө ылайыктуу учур келди. Шеф Бектур эки жагынан эки жардамчыны карматып атып, аттан түштү да, оор дем ала сакалын сылады, коноктор менен аларды коштоочуларды бир аз күтө туруу керек экени жана мүмкүн жакында олжого чыгууга болбосу тууралуу, анткени азырынча айдоочтордон эч кандай кабар жок экени жөнүндө эскертүү жөндүү деп ойлоду. Коноктор кабарды түшүнүү менен кабыл алышты.

Мындай бийиктиктерде, альпинисттер менен геологдор айткандай, "жандын нөөмөттүк кезмети", кайра кубаттануу сыяктуу нерсе, маанайдын жана айланадагы дүйнөнү кабылдоонун жаңыланышы башталат. Тоолордо ой жүгүртүү жакшыраак, ар кандай диний көз караштарга тиешелүү медитативдик чиркөөлөрдүн жана храмдардын тоодон орун алышы буга күбө. Тоодо ойлонуу, ылдый жактагы тегиздиктерге караганда кененирээк, сезимталдуураак болот дешет. Бийик тоо кайталангыс аурага ээ. Мына дээрлик колуңа сезиле турган асман башыңдын жогору жагында, булуттарга колуңду сунсаң жетет, мына жер кыртышына түбөлүк бек чапталган аскалар, мына карлар менен муздар өздөрүнүн эгерим кетпес кашкайган тазалагында - аларга да колуңду сунсаң жетет, дарыяда жалтылдаган көгүлтүр тунук суу шарпылдайт жана дем алып тойбогон аба азыр эле оор штанга көтөргөнсүп, көкүрөккө ушунчалык байкалып кирип-чыгып жатат.

Мүмкүн бул табигый көрүнүш, мүмкүн бийик тоолуу жаратылышта чын эле адамдын жанынын бир өзгөчө абалы пайда болот, ойлор да, сезимдер да, элестетүү да кардуу чокуларга жана назик тоо чөйрөсүнүн сөөккө жете зыркыраган шамалдарына окшоп калаар. Ошол тапта Арсен Саманчин да ошондой абалда эле. Өзүнө сүңгүп, бардык тиричилик түйшүктөрүнө кол шилтеген ал, бир башка дүйнөдө жүргөндөй болду. Кыялында ал ошол маалда токтоочу жайда эмес кайдадыр бир жакта, тээ алыскы талаада жүрдү. Ага, өңүндөгүдөй, паровоздун узак, кулак тундурган кыйкырыгы, жүргүнчүлөр поездинин бир калыпта калдыраганы угулду, өзү болсо поездди жандай жүгүрүп баратат жана терезеге карап: "Элес! Эй, эй Элес! Бул менмин, мен сени сүйөм! Эй, сулуум менин! Сен Саратовго кетип баратасың, мен болсо тоодомун, бирок мен сени мененмин. Мен сенсиз жашай албайм!" деп кыйкырат. Бүт студенттик өмүрү ал ушул жол менен Саратовго, андан ары Москвага кетчү, ал Волгадагы Саратовду сүйчү! Казакча Сары-тау! Эми ал жакка Элес жөнөп баратат, ал болсо оюнда ага ушунчалык көнүп алганы үчүн, тынч кетүүгө мүмкүндүк бербей жатканы үчүн кечирим сурады. Бирок ал чынында эле мындан ары ансыз жашай албайт. Ошондуктан башын жоготуп, кайра-кайра мээсинде өз тарыхын башынан өткөрүп, элестетилген окуяларга ушунчалык терең чөмүлгөндүктөн закымдар, таттуу кыялдар чындыкка тете болуп жатты.

Арсендин айланасындагы эч ким анын жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын билген жок. Бир гана Элес аны угуп жана көрүп жатты, ал тамбурда вагондун ачык эшигинен чыгып турду, бир колу менен кармагычты карманып, экинчисин Арсен Саманчинге созду:

- Арсен! Арсен! Мен сени угуп жатам, мен сени көрүп турам, мен сени сүйөм! Жет, секир, мен сени кармап калам!

Кыялдануунун эркин шамалдарында эмне гана туюлбайт! Анан ал алыстап бараткан поездге жетүү үчүн болгон күчүн жумшады. Жана жетти, анткени муну сүйүшкөндөр аябай каалашты, сүйүү кумары ааламдык табият кубатына ээ, ага түбөлүктүүлүк жана өлбөстүк баш ийет, анткени ал - тукум улоочулук чакырыгы.

Тагдырдын буйругу ушундай болду, Арсен вагонго чуркап жетти, Элес ага колун сунду, ал тепкичке секирүүгө үлгүрдү, анан экөө кучакташып калышты...

- Жүр, отуруп сүйлөшөбүз, - деди Арсен Саманчин акыры демин басып. - Менде бир сөз бар.

- Кайда шашасың? Сен чарчабадыңбы, эс ал...

- Убакыт жок. Биз тоодо аңчылык даярдап жатабыз, мен шашылышым керек. Мына бул папкада менин кол жазмам...

- Кол жазма? Сен эмне, Арсен? Ушул кол жазманын айынан поезддин артынан жүгүрдүңбү?

- Мен сага айтып бергим келет. Жүр.

Алар купеде, терезенин түбүндө, бири-бирине каршылаш олтурушту, мына бул жөнүндө айтты Арсен Саманчин:

- Баса, Элес, бул кол жазмада менин саратовдук аңгемем, жолду катар окуп чык - экинчи дүйнөлүк согуштагы бир окуя, ал кезде сен экөөбүз али төрөлө элекпиз, ал эми биздин ата-энелерибиз жылаңайлак чуркап жүргөн өспүрүмдөр. Мына ушунча жылдан кийин - кылым алмашууга үлгүрдү - бул аңгеме эч качан унутууга болбой турган нерсени эске салып, өткөн жылдарга кусалык болуп өзү жөнүндө билдирди: бардык согуштар - бул баарынан мурда акыр-аягы жок, өз ара өлтүрүүлөр жана ар бир өлтүрүлгөн ал ким болбосун - генералбы же жоокерби - түбөлүк тунжуроо дүйнөсүнө өтүп, сөзсүз өкүнөт. Мен ал мезгил жөнүндө "Өлтүрүү-өлтүрбөө..." деген аталыштагы кайгылуу аңгеме жаздым. Азыркы заманда өлтүрүү - тамекинин калдыгын ыргытканга барабар. Оңду-солду аткылашат, мен өзүм аз жерден ошол босогого барып кала жаздадым. Бирок бул аңгеме курулай чаташкан баян эмес, кылмыштуулук жөнүндөгү көркөм жыйнак үчүн жасалга эмес. Бул аңгеме менен мен мухиттин түбүнөн суурулуп чыгып, миллиондогон өлгөндөр жана өлтүргөндөр көмүлгөн көрүстөнгө, жымжырттыкта аларга жана өзүмө окуп берүү үчүн баргандай туюлуп жатат. Сен кечир, Элес, мен өзүмдүн үңкүр-чуңкурларыма кирип жатам, бирок сен кесибиң боюнча китепканачысың да, эмне, кандай экенин сен билесиң, түшүнөсүң, менин башаламан ойлорумду ойдогудай окуганыңа мен ыраазымын. Рахмат, Элес, сен баш ийкеп жатасың. Ошентип, мен өткөн кышта поезд менен Байкоңурга, космодромго бардым, мага космостун өзүнөн, орбитадан космонавт-узак мөөнөт өтөөчү Салижан байланышка чыкты, экөөбүз доспуз. Мен оюмда - азырынча бул кыял, бирок качандыр бир убакта ушундай болот, ар бир адамга космостон жашоо үчүн жай табууну көксөгөн адам жөнүндө эссе жазганы жаткам. Мен кайрадан куру кыялдарга берилип кеттим. Кечир. Ошентип, өткөн кышта мен үчүн кусалыктын мезгили келди - көптөн бери темир жол менен каттай элек болчумун жана жолдо менин студенттик жылдарым кандай өткөнүн эстедим. Байкоңурдан ары Саратов аркылуу Москвага поезд менен кеттим, терезенин жанында айланадагы жаратылыштын көрүнүштөрүн карап турганда, өткөн убак капыстан деңиз толкуну сымал менин жүрөгүмдүн жээгине урунду - мен жол жүрүп баратып терезеден тышты суктанып караганды абдан жакшы көрөм, эмне кыл дейсиң, ушундай сезимтал адаммын. Көрсө, азыр жан дүйнөмдү каптаган нерсе бардык ушул мезгилде менде жашап жана өз саатын күтүп жаткан экен. Ушул темир жолдо ошол эле жерлер менен, Казакстандын учу-кыйырына көз жетпеген талаалары менен, Саратов аркылуу Москвага кетип бараткан ошол эле поезддерде, эмне болгон жана эмне болуп жатат? - деп ойлодум мен кусалана. Жол ошол эле, алдыдан чыккан жана бир калыпта бараткан поезддер ошол эле, кыймылдын багыты ошол эле, Батыш-Чыгыш. Бул жерде эл эмне болду, адамдардын тагдырлары кандай өзгөрүүлөрдү башынан кечирди? Жана өткөн жылдардын окуялары мага космостон тартылган тасма көрүп жаткандай болуп көрүндү. Арал деңизин соолтушту, жүрөгүм сыздайт, бирок Байкоңур космодромун курушту. Алардын ортосунда көп нерселерди! Мына ошондо мен көп жылдар мурун жол жүрүп баратып штрафбатты өткөн майыптан, мындайларды азыр Улуу Ата мекендик согуштун майыптары деп айтышат - Улуу Ата мекендик согуштун майыбы Сергей Николаевичтен уккандарымды жазууга өзүмө убада бердим. Аңгемеде ал жаш жигит Сергий, а мен ал учурда аны менен жолдо чогуу бараткан салт боюнча улууларга сый-урмат менен мамиле жасаган студент, ал менин чоң аталарым курактуу болчу. Мен дагы көп сүйлөп кеттим, убакыт тартыш. Сергей Николаевич биздин вагонго түшкөн Саратовдон Москвага чейин эки күн, эки түн жол жүрүү керек, аңгеме узак болду, кийин Москвадан мен ага ооруканага жетүүгө көмөктөштүм. Бирок "Өлтүрүү-өлтүрбөө..." аңгемесин жазууну мен он жылдан кийин гана ойлондум, Сергей Николаевич, Сергий каза болуптур, билдим, сураштырдым, абдан өкүнүчтүү. Ал эми ойдон чыгарып, тагыраак айтканда Сергей Николаевичтин мага жеткирүүгө аракет кылганын кайра айтып бергенде, бул нерсени согуштук көрүстөндөрдө окуш керек экенин түшүндүм. Билесиңби, Элес, сенин да бул окуяга кандайдыр бир тиешең бар. Таңданып жатасыңбы? Мазмуну, сен да, мен да, бул окуя да - баары бир жолдо, Батыш менен Чыгышты байланыштырып туруучу, Саратовдон Москвага кетүүчү жолдо болуп жатат. Сергий бул жол менен согушка жөнөгөн, мен дайыма Орусиянын улуу шаарлары Москва менен Ленинградга окууга барчумун, мына эми сен ушул жол менен, ошол эле поездде ары-бери каттоочу соодагерсиң, жана бизди баарыбызды бир нерсе байланыштырып турат... Ой токтот, токтот мени, Элес. Убакыт! Бирок негизинен менин сага түшүндүрөйүн дегеним, артыңдан жүгүргөн себебим - күтө туруп кийинки ирет деле шашылбай айтсам болмок, бирок күтө албайм - сага тиешелүү, Элес, биздин жолугушуубузга. Дароо айтам: сен мени сактап калдың. Быйыл жазында "Өлтүрүү-өлтүрбөө..." аңгемесин жарыялаганы жаткам, согуштун түбөлүк табияты жана адамдын түбөлүк табияты жөнүндө өз сөзүмдү айткым келген. Ар бир согуш - адамдын колунан жаралган нерсе жана ар бир согуш - андагы ушул чындыкты түшүнгөн ар бирөө үчүн кайгы-муң... Ушул жөнүндө мен өз аңгемемде айтканы жаткам, бирок ошол учурда менин турмушумда бир нерсе болуп өттү, мен өзүм азыркы биздин күндөрдө ырайымсыз жана айныгыс киши өлтүрүүгө бел байлагам. Бул сансыз өлтүрүүлөр арасындагы жөн гана дагы бир өлтүрүү болмок эмес, мындай аңгеменин автору тарабынан болуп көрбөгөндөй кудайга чоң шек келтирүү болмок: жазгандарында бирди айтып, таптакыр башка нерсени жасоо... Ошондуктан мен "Өлтүрүү-өлтүрбөөнү..." мени уятым кыйнабашы үчүн катып, кийинкиге жылдырып койдум. Эми мен уялып жатам. Киши өлтүрүү менен мен өзүмдүн идеямды жокко чыгармакмын. Бирок мына - тагдырдын боору ооруду - сен, Элес мени киши өлтүрүү ниетимден арылттың, анткени биздин сүйүүбүз мен үчүн ачылыш болду. Мен кайрадан өзүмдүн алдымда эркинмин жана акмын, бул боштондукту мага сен алып келдиң. Кечээ эле берилип адилет жана айныгыс өч алуу деп эсептеген нерсеге мен эми эч качан барбайм.

Мына ушул тууралуу сага айткым келген, үлгүрүшүмчө. Анан дагы: мендеги төңкөрүш экөөбүздүн жолугушуудан кийин болду, кээде бизге руханий пикир алышуу кандай жетишпейт, жүрөктө топтолгон нерсенин интимдик түшүндүрүлүшү, мисалы, мен "Өлтүрүү-өлтүрбөөдө..." айтууга аракет кылган нерсе. Каза болгондордун арбактары угуп, тирүү кездеринде билүүгө үлгүрбөгөн нерсеге ынаныш үчүн боз улан Сергийдин ушул кечирим сурап сыйынуусун күндөлүк убаракерчиликтен тышкары убакта, жымжырттыкта жана бейпилдикте окуу керек. Андан да көбүрөөк. Ар бир адамдын өзүнүн көңүлүндө ыйык сакталган дубасы болот. Менин дубам - ушул аңгеменин текстинде. Эгер ал сага жакын сезилсе - кошул, жалпы санааны тең бөлөбүз. Бул сүйүүдө эң негизгиси... Мен жазуу китепче жазып койгом - бул аңгеменин алгачкы окулушу Подмосковьедеги белгилүү Волокалам көрүстөнүндө жана Брест сепилинде, андан соң башка көптөгөн жайларда, анын ичинде Европада да өтсөбү дейм.

Кечир, Элес, мен көп сүйлөйм, бирок бакыт көз ирмеми кыска болот, а сүйүү - бул түбөлүктүүлүк чакырыгы алдындагы экөө үчүн өзгөчө ачылыш. Мына азыр мен тоодомун, бирок ошол эле учурда экөөбүз чогуу, бир купеде олтургансып сени менен сүйлөшүп жатам. Таттуу кыял, албетте, тигине буга далил - биздин жайга бир атчан келе жатат, Таштанафгандык айдоочтордон болсо керек. Болуптур, ишке киришели. Көрүшкөнчө, Элес, көрүшкөнчө...

Атчан киши айдоочтор тобундагы Саксагай экен. Ал коноктор менен учурашуу иретинде саксайган башын ийкеди да, шеф Бектурга кайрылды: Таштанафган андан ак илбирстердин, эки үй-бүлөлүк топтун изине түшүшкөнүн, аларды дүрбүдөн көрүүгө болоорун, ал эми бир чоң илбирс "чоң баш-туу куйрук" алардын көзөмөлүндө тураарын, аны керектүү багытта басууга аргасыз кылууга болоорун айттырып жибериптир. Бирок Таштанафгандын башкы өтүнүчү, алгач котормочу Арсен ага жакын келсин, ал ага бадалдардын арасындагы чоң илбирсти керектүү жерден атуу үчүн кандай кылса коопсуз болоорун түшүндүргүсү келет. Муну сөз менен түшүндүрүү кыйын, келип, ошол жерден көрсүн, анан мерген конокторго багыт берсин. Шеф Бектур макул болду.

- Укчу, Арсен, конокторго түшүндүр, сен азыр аңчылык башталаарда айдоочтор менен кездешесиң. Жырткыч куу, жалгыз, кол салып анан бадалдарга качып кетиши мүмкүн. Кайдан, кантип жакындоону ошол жерден көрсөтүшсүн.

Алар күтүп турууга дароо макул болушту.

Саксагай алдыда баратты, Арсен Саманчин дагы атчан - анын артынан. Аска-зоонун ортосундагы бадалды аралаган жалгыз аяк жол абдан татаал экен, араң дегенде оюкка чыгышты. Жогоруда кай бир чымчыктар топтошо айланып учуп жүрүштү. Айланада толук жымжырттык. Саксагай колуна мегафонду алып кыйкырды:

- Таштанафган! Биз ордундабыз! Уктуңбу? Биз келдик! Тиги да мегафондон жооп берди:

- Мен да жеттим! Азыр! - Арсен тыным алыш үчүн аттан түшөйүн деди.

Бирок Саксагай аны токтотту:

- Отур, эмнеге? Тигине Таштанафган келип калды.

Каптал жактагы бадалдардан атчан, катуу сүйлөгүчү мойнунда салаңдап, ийининде автоматы жана оо, шумдук! - башына аскер шапкесин баса кийип Таштанафган пайда болду.

Арсен тилден калды. Таштанафган болсо шапкесин оңдоп:

- Чакчайба! - деди бурк эте. - Биз баарыбыз даярбыз! Бешөөбүз тең, баарыбыз автоматтар менен! Же жыйырма миллион барымтаны колубузга тапшырышат - же баары өлүшөт! Бул жердегилердин баарысы! Эч ким тирүү калбайт. Эч кимди аябайбыз! Эмне унчукпайсың?

- Эмне дейин? - араң айтты Арсен Саманчин. - Сен баары жайында болот деп убада бербедиң беле.

- Мына ушул биздин жайындабыз. Андыктан бол аткар. Тиги жакка бурул, кара - тигине баягы мен айткан Молоташ үңкүрү. Ага мина коюлду. Ушу жакка байларды камайбыз. Сен аларга менин айткандарымды, ар бир сөзүмдү англисче которосуң, Ааламдашуу баарына бирдей, аларга эле энчиленген деп ойлошпосун. Биз өзүбүздүкүн алабыз. Мына бул жакты кара, үңкүрдүн оозу, аттан түш, кир. Орун көп, туткундар бир сутка олтурушат, акча болбосо - аёо жок. Эмне унчукпайсың? Эсиң ооп калдыбы? Мен сага эскертпедим беле. Сен менин момпосуйдай болуп эрип кетишимди кааладың беле? Күтпө! Эмне тултуясың? Мен сурап жатам менин буйругумду дароо аткарасыңбы же жокпу?!

Арсен Саманчин аттан түшүп баратып, бутун кайра үзөңгүгө койду.Таштанафган аны тартты:

- Токто! Алгач угуп ал, сен аларды бул жакка ээрчитип келесиң, биз алардын куралдарын тартып алабыз да камайбыз. Сөз ачык болот. Кежигелерине автомат такалат. Менин буйругум боюнча сен аларга спутниктери аркылуу дубайлыкпы, эмираттыкпы дагы кайсы банктарына чалып, тезинен бул жакка учак менен биздин акчаны жөнөткүлө деп айттырасың. Ультиматумдун ар бир сөзү алардын башына басылгандай болсун! Жана алар айткандын ар бир сөзүн мага жеткиресиң. Түшүнүктүүбү?! Андай кылбасаң сен биздин туткунсуң. Сенин да, алардын да иши бүтөт!

- Шашылба, - акыры кобурады Арсен Саманчин, жаалданган адамды бет алганынан кайтаруу мүмкүн эмес экенин түшүнө, - Эгер сен ошентип чечсең - бил, тамчы кан төгүлсүн - мен эч нерсеге карабайм!

- Коркутпа! Мен өзүм кан төгүлүшүн каалабайм. Жыйырма миллион беришсин - болду тирүү кетишет! Менин сөзүм! Аткар! Эң көп дегенде жыйырма мүнөт берем! Андан бир секунд да ашпасын! Аларды айдоочтор менен кездешүүгө деп ээрчитип кел. Кичине эле бирдеме болсо ок чыгарабыз. Жогото турган эч нерсебиз жок! Эсиңде болсун сени менен эки мейман гана, ак илбирсти атыш үчүн. Ал бу жакта буйткада деп айт, башкалары да бар, бирок алар кийин. Калгандары ошол жакта күтүп турушсун, түшүнүктүүбү? Аткар!

- Азыр, - чала-була күбүрөнө Арсен Саманчин Таштанафгандын шапкесин жалт карады, мурдагы классташынын башында ал болбогондо, баары башкача болот эле дегенсип оор үшкүрүндү, унчукпай атын минди, анан азыр келген жагына артка жөнөдү.

Жымжырттык өкүм сүрдү. Кылчайбастан, унчукпай бүкүрөйө, ээр үстүндө кичирейе түшкөн Арсен Саманчин мерген-конокторду үңкүргө ээрчитип келүү үчүн, аларды да, өзүн да колго түшүрүп берүү үчүн кетип баратты. Ылдый агып жаткан булактын шылдыры гана угулду. Кандайдыр бир чымчыктар учуп өтүштү. Аты таштарга аяр кадам таштап, чатырлар турган жайга бара жатты. Жакын эле калды, Арсен асканын ары жагындагы бадалдарга атын кескин токтотуп, үзөңгүнү тепти да, айланасына көз чаптырды. Оң ийнине асынган мегафонду чечип, ээрдин кашына автомат-"калашты" такады, минтишине караганда, бир нерсеге камданды. Бир нече секунддан кийин тоолорду жаңыртып, мегафон менен күчөтүлгөн Арсен Саманчиндин аянычтуу үнү угулду. Ал ачуулана жана коркута англисче, орусча, кыргызча алмак-салмак кыйкырды:

- Уккула, уккула менин буйругумду, келгин чет элдик коноктор! Силерди шайтан алсын! - катуу сүйлөгүч анын сөздөрүн тоолорго жаңырык кылып кайталатты. - Биздин ак илбирстерден колуңарды тарткыла! Бул жерден тезинен жоголгула! Мен силерге биздин жырткычтарды жок кылууга жол бербейм! Биздин ыйык тоолордон алыс өзүңөрдүн дубайыңар менен кувейтиңерге жоголгула! Бул жерди бутуңар баспасын! Азыр жоголгула, болбосо өлөсүңөр! Баарыңарды атып таштайм! - Ал өз сөздөрүн автоматтан абага атылган ок менен бекемдеди. Тоолор күңгүрөнө түштү. Кайсы бир жылгадан таштар кулады. Ошол замат жооп кылып ар кайсы тараптан ок атыла баштады. Башаламан аткылашуу Арсендин атын үркүттү. Ат алдыга жүткүндү, анан ошол жерден жарадар боло кулап түштү. Арсен Саманчин аттын астынан араң суурулуп чыгууга үлгүрдү, бутун чыгарып алды. Атышуу күчөдү. Таштанафгандар да, коноктордун сакчылары да, Бектурдун кишилери да баары жин тийгенсип аткылай беришти. Арсен ошол башаламандыкта чет элдиктер аттарына секирип минишип, оолак качкандарын ошол бойдон билген жок.

Өлгөн атынын жанында жатып, Арсен бир нече жаракат алганын сезди. Ийини, төшү, бели чыдатпай сыздатып ооруду. Акыркы күчү менен ал тике жылгадан ылдый кулабоого, анын кырынан алысыраак жылууга аракеттенди, капыстан анын бет алдынан канга боёлгон чоң ак илбирс чуркап чыгып, буйтап кетти. Ал Жаабарс болчу. Жырткыч ырылдады, жерге эңкейе бутун сүйрөп ары качты. Арсендин жогору жагында күн термелди, тоолор чайпалды жана шамал муунта тамагын бууду. Ал мегафонду, автоматты ыргытты да, жарадар жырткыч кеткен тарапка жөрмөлөөгө умтулду. Ал айланада эмне болуп жатканын көргөн да, билген да жок - ачуусу кайнаган Таштанафгандын сөгүнгөнүн, "Жүзү кара! Чыккынчы! Өлүп кетсең экен, көрө албастыгыңа какап өлсөң экен!" деп кыйкырганын, Бектурган абышка жерге жыгылып, сакалын жулуп: "Уят! Биздин башыбызга эмне деген шермендечилик! Сени кудай урсун, ата-бабанын арбагы урсун!" деп чаңырганын ал уккан жок. Бет алды качып бараткан мерген-коноктордун арабча эмне деп кыйкырышканын жергиликтүү тоолордо эч ким түшүнбөдү.

Бара-бара туш келди ок атуу токтоду, андан соң кыйкырыктар да басылды. Бир заматта адамдарды да, жырткычтарды да эмне кылып салганын Арсен Саманчин билсечи... Бирок эми анын алар менен иши жок. Жаракаттары оор болчу, ал анысын сезди. Өзгөчө көкүрөк тушу басып өйүп жатты, кийимдери канга чыланды. Ал көпкө чейин чыдабасын түшүндү жана бир далдоо жерге жашырынгысы келди. Чайпалып басты, жыгылды, турду, оор дем алды. Баягы Молоташ үңкүрү кайсы тарапта экенин эстеп калганы дурус болуптур. Мына ошол жакка Арсен Саманчин акыры жетти жана тизелеп сойлоп ичине кирди. Ал жерден ал чоң ак илбирстин жай өчүп бараткан көздөрүн көрдү. Ал Жаабарс эле. Алдыга сунулган таманынан башын өйдө кылууга аракеттенген да жок. Аларга башын жөлөп кандай жатса, ошол калыбында оор кыркырап дем алып жата берди.

- Сен да бу жердесиңби? - деди Арсен эмнегедир жырткычка, алар мурда тааныш сымал.

Жаабарс кансырады.

Ошол эле тагдыр адамдын да башына келди.

Тагдыр буйруп алар - адам жана жырткыч - акыркы сааттарында асман астындагы бир мүрзөдө, үңкүрдө жанаша жатышты. Акылы жетпеген кыязда, тоолордун үстүнөн күн күркүрөй баштады, жаңырык болуп жаңырды, бул эмне? Жана дагы ушундай эле таңыркап булуттардын арасынан чагылган чартылдады...

Аттарынан машинелерге олтуруп, тезинен айылга келген мерген-коноктор дароо, эч ким менен коштошпостон, машинелердин коштоосунда өздөрүнүн "Хаммери" менен учактары конуп турган Олуя-Ата аэропортуна шашылыш жөнөп кетишкенде, баары белгилүү болду.

Ошентип бир заматта "Мерген" фирмасынын эл аралык аңчылык иши туңгуюкка кулады жана ишкердик-долбоорунун минтип кыйрашы Бектур аганын өзүнүн инисинин колунан келгенине эч ким ишене албады.

Туюкжардыктар короолорунан чуркап чыгышып, ызылдаша топтолушту, ар жактан кыйкырыктар угулуп жатты:

- Кандай шермендечилик!

- Арсенди асып салуу да аздык кылат. Өрттөш керек!

- Ушундай ишти өлтүрдү! Бизге бир аз акча таап алууга кенедей да мүмкүнчүлүк бербеди!

- Ага элден да жырткычтар артык экен - анда аны илбирстер тытып жешсин!

Башаламан ызы-чуу улам күчөй берди, ошондо ачууланган эл Арсен Саманчиндин эжесинин үйүн көздөй жөнөштү, жини келип короодон колдоруна, буттарына урунгандын баарын талкалашты, Арсендин Нивасынын терезелерин, фараларын чагышты, анын кермеде жайылып турган көйнөгү менен күрмөсүн тытмалап салышты... Эжеси инисинин ноутбугун корголойм деп таяк жеди, жумушунан чуркап келе калып аны коргоого жанталашкан темир уста күйөөсүн да сабашты...

Капыстан төккөн жамгыр жана күч алган нөшөр гана башаламандыкты токтотуп, элди тарап кетүүгө аргасыз кылды.

Күн күркүрөп айлананы титиретти, чагылгандар биринин артынан бири асманга сайылды, улам күчөгөн нөшөр тоодогу жаракалар менен үңкүрлөргө толду.

Алда нени сезгендей эле Элес кечке маал бекеттен Туюк-Жарга эжесине телефон чалды. Ал ага - сенде болсун, мен курбуларымдыкынан чалып турам деп өз колтелефонун калтырган. Мурда мындай кылчу эмес, а бул мертебе эмнегедир өзүнө байланышты камсыз кылгысы келди. Мына ошентип жөнөөргө жарым саат калганда алар кандай жатышат, аны менен бирге тоодон кабар барбы билейин деп чечти.

Бирок ал ооз ача электе эле эжеси ыйлактап кыйкырды:

- Бүт айыл тик көтөрүлдү, мына сенин Арсениңдин жоругу, тоодон катуу сүйлөгүч менен: "Биздин ак илбирстерден колуңарды тарткыла! Келген жагыңарга жоголгула!" деп кыйкырыптыр, келгендерди кубалап, анысы аз келгенсип аларга ок атыптыр. Анан айланадагылардын баары ага жооп кылып аткылай башташыптыр. Бектур ага болсо башын ташка ургулады. Эми бүт айыл Арсендин эжесинин короосун талкалап жатышат. Арсен өзү бир жакка жоголуп кетиптир, же бирөө атып салганбы, же өзүн-өзү атып өлгөнбү? Сен мени угуп жатасыңбы, Элес? Эмне сүйлөбөйсүң? Сага эмне болду? Жооп бер дейм!

Ошол жерден эжеси үңүлдөп ыйлай баштады:

- Кандай кырсык! Эми эмне болот? Ушу Арсенди аябай сүйдү эле - эми эмне?

- Болду эми басыл, - деп аны күйөөсү тынчтандыра баштады. - Ойлончу, минтип кыйкыргандан эмне пайда? Элес келгенде, мен аны тоого, Молоташка алып барам. Кааласаң чогуу барабыз. Ал өз көзү менен көрүп, иштин чоо-жайын түшүнсүн. Өзүңдү кыйнаба.

- Ой, эмне кылам? Ал эмне болот?.. Биз Молоташка кетсек балдар кантет?

- Эч нерсе болушпайт. Чоңоюп калышты. Бир-эки күн жашап турушат. Малды карашат. Кошуналар көз салып коюшат...

Элес жол баштыгын жулуп алып, ийинине асына, ар бир сөзүн баса-баса айтканда шериктери ооздорун ачып калышты.

- Өзүңөр жөнөгүлө. Мына менин Саратовго документтерим. Мен тезинен айылга кайтам.

- Эмне бирөө каза болдубу?

- Балким.

- Биз кайра келгенде көрүшөбүзбү?

- Балким.

- А биз эмне дейли? Өз товарыңа келесиңби?

- Балким.

- Сага эмне болду? Башка сөзүң жокпу?

- Мени жөн жайыма койгула! Мен баарын айттым! Менсиз жөнөй бергиле. Бүттү!

Ушул сөздөр менен Элес алдынан чыккандарды түрткүлөй чуркап баратты. Эл андан качып, жол бошотту. Алар билсечи...

Билишсечи... Анын кайгысы мейкиндиктерди кечип өтүп, ошол тапта сүйгөнү жоголгон Үзөңгүлөш тоолоруна жааган нөшөр менен кошо төгүлүп жатканын, анын Кайып колукту менен бирге тоолордо чуркап баратканын ким билиптир... "Жардам бер мага, кагылайын, эгер аны көргөн болсоң, мага айт!"

Ал эми ошол тоо койнунда кечке чейин жан жакты жаңырта күңгүрөп, капчыгайлар менен өрөөндөрдө чагылгандар көздү уялта жаркылдап, нөшөр басылган жок. Жамгырда оорлошо күүгүм коюлду. Ошол жайда көптөн бери мындай узак жамгыр жаай элек болчу.

Молоташ үңкүрүндө да андан улам караңгыраак жана суугураак болуп баратты.

Бирок бул үңкүрдө кокусунанбы же тагдырдын буйругу мененби бирге болуп калгандар үчүн баары бир. Алар ушул акыркы башпаанегинде экөө эле - көзү жумулуп бараткан адам жана анын жанында үзүлүп бараткан жапайы жырткыч. Экөө тең жер бетиндеги жолдорунун аягына келишти, туш келдиби же таамай атылган октон жаракат алыштыбы - ким кимге ок атты жана эмне үчүн эми ким териштирмек эле? Ушунун баары азыр алардын дайынсыз түбөлүктүүлүккө аттанаарына саналуу мүнөттөр калганда, эч кандай мааниге ээ эмес эле.

Жаабарстын оңурайган жаракаттарынан кан сызылып, жай агып жатты, деми кыстыкты. Ал ошол эле алсыз абалында, шалдайган тамандарына башын жөлөп жатты, анын таанымал туу куйругу, кереги жок ыргытылган буюм сыңары, жерде оонап жатат...

Арсен жанындагы өлүп бараткан илбирстин денесине башын коюп капталдап жатат, ушундай ыңгайлуураак. "Мына акыры жолуктук".

Арсен Саманчиндин кабыргаларынын алды барган сайын сууланат, кан таштак жерге сиңип жатат. Өзү али эси-учун жогото элек жана тирүүлүктүн акыркы энчиси болгон аң сезимди ал колдон келишинче кармоого тырышты. Ал өзү болуп өткөн нерсеге канчалык айыптуу экени жөнүндө ойлонду, бирок баарынан мурда ал аны менен, Элес менен кош айтышты. Аларга бакыт жана сүйүү үчүн канча убакыт берилсе, ошончо кетип жатты.

- Кечир, Элес. Орундалбаган тилектер үчүн кечир... Таазим кылам... Кош, кош... үлгүрбөдүм... Жазасын тартып жатам... Айыптуумун мен...

Ал кордолгон араб конокторго оюнда кайрылып жатканда уятынан жерге кирип кете жаздады:

- Күнөөлүмүн мен, мени акыркы сөздөр менен сөккүлө, каргагыла, бирок башка арга жок болчу, ушинтип гана мен силерди коркунучтан сактап кала алдым. Кечиргиле, эгер кечире алсаңар...

Андан дагы көбүрөөк азап чегүү жана өкүнүү менен ал атасынын инисине кайрылды:

- Бектур ага, байке, карга мени! Болушунча карга! Мен биздин тукумду уят кылдым, сенин ишиңди бүлүнттүм, башка арга болбогонун эми кантип түшүндүрөм? Сенин башыңа канча кайгы үйгөнүмдү, жаман атты кылганымды түшүнөм. Бирок кечир, жаман ниетим менен, акмактыктан же көрө албастыктан мындай кылган жокмун... Көп жаша, байке, агаңа, раматылык атама, тиги дүйнөдө баарын өзүм түшүндүрөм...

Ал туугандарын да, эжеси менен анын күйөөсү темир устаны да эстеди:

- Кандай кырсык алып келдим мен силерге. Күнөөлүмүн, кечиргиле... Жаман-жакшы ичиңерде болсун...

Акыркы жолу агасы Ардакты эстеди:

- Ардак, мен өлүп баратам. Мен үчүн азап чекпе, башка түйшүгүң деле жетишет. Балдарыңды чоңойт, мен баласыз өтүп баратам. Бу да болсо кудайдын жазасы...

Арсен Саманчин Айдананын алдында да кечирим сурады:

- Кечир, Айдана, сени жылдызданганың үчүн айыптап, жек көргөнүм үчүн. Ал сенин ишиң. Опера сахнасында Кайып колуктунун элесин жаратууңду абдан каалагам. Эми тагдыр сени менин тажатканымдан кутултту, ал эми тиги Эрташ Курчалга болсо эч нерсе дебе, мен ага акырында баарын өзүм айтам. Эрташ, акыркы күнгө чейин мен күнөөлүү болчумун, сени өлтүрүүнү ойлонгом, ушунчалык жек көрчүмүн, жектечүмүн, антүүгө себептер бар эле. Бирок күнөөмдү сездим. Мен жөнүндө жаман ойлобо, колуңдан келсе кечир.

Бирок өлүп бараткан Арсен Саманчин үчүн классташы Таштанафганга кайрылуу баарынан оор жана азаптуу болду. Эмне деп айтат эле? Күнөөлөйбү, каргыш айтабы?

- Мен сен чалган курмандык болоюн жана сен кылмыштуу жырткычтыгыңда эмнеге даяр элең эч ким билбесин. Мен өзүм күнөөлүмүн - сенин алдыңда эмес, өзүмдүн алдымда. Демек мен сенин курмандыгың жана күнөөңдү жууй турганың болоюн, кудайга койдум сени!

Силер да кечиргиле мени, жердештерим, аз болсо да акчадан куру калтырдым. Ошондой болуп калды... Менин арбагымды тебелебегиле, жакшылыктан мындай ишке барганым жок, бирок бул тууралуу эч ким билбейт... Кош болгула...

Ак илбирс өлдү. Анын артынан адам дагы жан берди.

Үзүлүп баратып, өмүрүнүн акыркы көз ирмеминде да ал алыскы Кайып колуктунун үнүн укту: "Кайдасың, кайдасың, мергеним менин?" Анан аптыга шыбырады: "Кош бол, эми экөөбүз эч качан көрүшпөйбүз..."

Ай түнкү булуттарга чаташты, шамал аскаларга камалып, жулкунуп жатты, башка эч нерсе угулбады...

* * *

Эртеси түшкө жуук, Молоташ үңкүрүнө жакын, кечээ эле шумдуктай алаамат болгон жерде үч атчан пайда болду - эркек, ал алдыда келе жатты жана эки аял. Алар Элес жана эжеси күйөөсү менен болчу. Алар аны бул жакка кайгысы орду толгус экенин өз көзү менен көрсүн, акыры жоготууга баш ийүү керектигине ынансын деп алып келишкен.

Эжесинин күйөөсү Жоро бул жерлерди жакшы билчү. Мурда колхоздун кой багуу фермасынын башчысы болуп турганда жайлоолорго бара жатып бул жакка көп жолу кайрылган, Молоташ үңкүрүн да билчү, ошондуктан Элести эжеси менен тез эле алып келди. Алгач алар жолдо жаткан атылган ак боз аттын өлүгүн көрүштү. Жамгыр алдында дээрлик бир күн жаткандыктан, төрт туягы төрт жакты карап, шишип кеткен, чыңалуудан ээрдин басмайылы үзүлүп кетип, ал бир жакка ооп калган. Ошол эле жерде Арсендин мегафону менен автоматы жатат. Жоро аттан ыргып түштү да, унчукпай экөөнү тең алды. Калтырылган курал, өлтүрүлгөн ат Арсендин да тирүү эместигинен кабар берип турду.

Үңкүргө жамандыктын жышаанын сезе киришти. Элес титиреп, ыйлап жатты, эжеси аны колтуктап алган. Көргөн нерсе аларды тилден калтырды: катып калган көлчүк кандын үстүндө дем албаган адам менен жапайы жырткыч, чоң ак илбирс жатышат. Арсен Саманчиндин башы Жаабарстын көкүрөгүнө жөлөнгөн.

Элес тизелеп жыгылды да, Арсендин муздак колун сылап, ыйлап жатты.

Аялдар көпкө ыйлашты. Эжеси Элестин башына кара аза жоолугун жапты. Жоро үңкүргө улам кирип-чыгып, аялдардын тынчтанышын күттү.

Элес бышактап жанында олтурган эжесине айтты:

- Кумар, сен мага эне катарысың, сенден жашырбай эле коёюн, мен макоолугумдан Арсенге, биздин айылда мындай кылуу мүмкүн эмес экенин билсем да, "Биздин илбирстерден колуңарды тарткыла!" деген ураан менен чыккым келди деп айткам. Арсен анда эч нерсе деген эмес, бирок, албетте, менин сөздөрүмдү жүрөгү менен кабыл алган, анан мына ушундай болду… Эмнеге анттим экен?

- Тынчтан, Элес, жакын адамдар өз ара эмнелерди гана айтышпайт. Тагдырдын буйругу бул. Сен андан көрө бечараны кантип көмөбүз ойлон. Туугандары болгон окуядан кийин көмүү тууралуу уккулары да жок. Маркумду ушу жерге атылган жырткыч менен түбөлүк калтырмак белек.

- Сеники туура. Бирок Арсенсиз мен кантип жашайм? Биз бирге кылым жашап өткөндөй болдук. Соода кылып жүрүп Орусияда аялдар үчүн монастрлар бар деп айтышканын уктум эле. Сураштырып ошо жакка кетем, эч качан кудайга ишенбесем да, күн-түн дебей ал үчүн кудайга сыйынам. Бир шартта гана андайга барбайм - эгер тагдыр мага бакыт берсе, эгер балалуу болсом…

- Кудай жалгасын! А сен кайдан билесиң?

- Эмнегедир күтөм. Түшүмө кирди… Болбосо түбөлүккө монастрга кетем.

Ошол учурда тоолордун үстүнөн күчөп бараткан катуу дабыш угулду. Алар үңкүрдөн чыгып, вертолётту карап турушту. Ал капчыгайды бойлоп, бийик чокулардын үстүнөн учту. Байланган аттар кошкура башташты. Жоро аларды тынчтандыруу үчүн тизгинден алды. Вертолёт айланып-айланып анан алыстап кетти. Ызы-чуу басылганда Жоро:

- Менимче вертолёт бул жакка бекер келген жок. - деди. - Тоодо учуу опурталдуу да. Бул жерде болгон окуя тууралуу райборборго да кабар жетсе керек.

- Бул алардын иши, - деди аялы кошумчалай. - Биздин өз түйшүгүбүз бар. Биз Элес экөөбүз Арсенди кантип көмүү керек деп ойлоп жатабыз. Сен, Жоро, эмне дейсиң?

- Эмне демек элем? Бул жерде ойлонуп да кереги жок, көмүш керек, мүмкүн болушунча тезирээк. Бирок азырынча туугандарынан да, кошуналарынан да эч ким көмүү жөнүндө ооз ача элек. Тилдеп атышат, кыйкырып атышат, каргап атышат - бул чын. Бирок качанга чейин ушинте беришет? Тоодогу жалгыз аяк жолдор менен раматылыктын сөөгүн айылдык чоң көрүстөнгө жеткирүү - оңой иш эмес. Кээ бир жерде сөөктү замбилге салып көтөрүү керек болот, ал үчүн бир нече адам болуш керек.

Кандай болбосун, маселени жакын туугандары менен чечиш керек деген бүтүмгө келди Жоро. Ооба, Арсен Саманчиндин айынан болгон нерсеге баары абдан ачууланып жатышат, бирок көркоо кылмышкерди деле көмүшөт турбайбы.

- Ойлонуш керек, - деп Жоро ойлуу күңгүрөндү. - Азырынча ичкери кирели, Арсендин арбагына багыштап куран окуйун дедим эле. Мен молдо эмесмин, ошентсе да билишимче.

Үчөө кайрадан үңкүргө киришти, маркумдун жанына олтурушту, унчукпай калышты. Алакандарын жайып, Жоро куран окуй баштады, бардык эле айылдыктарга окшоп бул тилде бир да сөз билбесе да, арабча бирдемелерди кобурады. Салт деген салт…

Ушул демилгелүү куран окуу учурунда Элес ойлоп олтурду: эжеси күйөөсү экөө ушундай түшүнүү жана колдоо көрсөткөнү жакшы болду, антпесе жанында эч ким болмок эмес, маркум ушул жерде толук жалгыздыкта унутулуп жата бермек. Анан анын муңдуу ойлоруна жооп кылгансып, сырттан аттардын такаларынын такылдаганы жана кишилердин кобурашкан үндөрү угулду.

Үңкүргө беш киши кирип келишти. Ал Таштанафган менен анын шериктери болчу. Алар салт боюнча тизе бүгүп олтура калбастан, курандын бүтүшүн күтүп, үңкүйүп унчукпай турушту. Куран окулуп бүтөөрү менен Таштанафган кескин айтты:

- Биз силерге Молоташ үңкүрүнө мина коюлганын айтышыбыз керек. Азыр кетишиңер керек, анткени аны жардырабыз. Шашылгыла.

Жоро сөз кайтарды:

- Жардырып эмне кереги бар? Бул жерде набыт болгон Арсен Саманчиндин сөөгү жатат, аны көмүү керек.

- Ал биздин ишибиз эмес. Биз үңкүрдү жардырышыбыз керек, анан өлүк таштардын астында калат - демек, көмүлөт.

- Бул көмүү эмес! - жини келе сүйлөдү Кумар. - Мен силерге аял катары айтам: адегенде көмүү жөнүндө, андан соң жардыруу жөнүндө ойлонгула. Баарыбыз өлөбүз, бардык адамдар, алардын ичинде силер да, өз мөөнөтүндө адамдык салт боюнча жерге берилиши керек.

- Үйрөтпө! Молоташ үңкүрү тапшырма боюнча жардырылат. Ошон үчүн келдик биз. Силерге жарым саат убакыт берилет.

Ошондо жүзүнөн кара жоолугун алып, Элес өзү үн катты:

- Антүүгө колуңар барбасын! Адамдын өлүмү менен ойнобогула. Мындай кесирдик үчүн жооп бересиңер. Мен жол бербейм! Набыт болгон адамдын сөөгүн, аны жерге коюлуу акысынан ажыратып, жок кылууга акыңар жок.

- Сен ким элең? - ушул убакка чейин өзүн араң кармап, туталанып турган Таштанафган кыйкырды. Кечээ анын бул жерде кандай чоң утулушка туш болгонун жана эми өзүнүн классташынын жансыз денесинен өч алууну көксөп турганын Элес кайдан билсин.

- Мен кимминби? Азыр айта турган учур эмес эле! Мына силердин бутуңардын жанында өлтүрүлгөн адам жатат, а мен азыр өлүүгө даярмын. Өлтүргүлө мени, анан жардыргыла. Мен даярмын, жардыргыла, ал экөөбүз таштардын алдында түбөлүккө чогуу калышыбыз үчүн мына азыр жардыргыла!

Эгер Жоронун сабырдуулугу болбогондо бул жапайы көрүнүш эмне менен аяктайт эле айтыш кыйын:

- Таштанафган, мени укчу, аялдар менен антип сүйлөшүү болбойт, алар терең кайгыга батып турушат. Анын үстүнө, маркумдун жанында антип талашып-тартышпайлы, жүр сыртка, сүйлөшөлү, кандай кылабыз кеңешели. Үңкүрдү жардырууга үлгүрөсүң.

Алар сыртка чыгышты жана көпкө чейин күпүлдөштү, талашышты.

Аялдар кайра өлүктүн жанында жалгыз калганда, Кумар сиңдисинин башындагы кара жоолукту оңдоп айтып жатты:

- Ыйлаба, Элес, өлгөндөрдүн арбактары баарын угушат. Сен айтчууңду айттың. Бейиши болгурдун арбагы ыраазы, мындан ары эмне болоорун эркектер чечишсин. Ох, арман-арман…

Элес:

- Рахмат, Кумар, - деди, - бир боорум, сен чын эле мага эне ордунасың. Мына азыр мен ойлоп жатам, эмне үчүн Арсендин тагдыры мынча чукул өзгөрдү, ал абдан акылдуу жана адилет киши эмес беле. Кыз кезимден анын гезитке жазгандарын окуп, теледеги берүүлөрдөн аны калтырбай угаар элем. Экөөбүздүн ортобузда кандай сүйүү болду эле! Эки өмүргө жетмек! Анан мына ушундай өлүм: үңкүрдө жапайы илбирстин жанында көз жумду, таш боор кишилер көчкү менен ал жөнүндөгү эскерүүнү да жер бетинен сүрүп салууну каалашат. Демек, бул эмнени билдирет? Бул аны жогору көтөрөбү же ылдыйлатабы? Бирок мен үчүн ал эми ыйык. Балалуу болсок экен - уулбу, кызбы - тукумдарга анын аты түбөлүккө калса го.

Жоро бир аздан соң бушайман боло кирип келди, Таштанафганды ошол бойдон көндүрө албаганын айтты. Ал эртең мененге чейин убакыт берди, шеф Бектурган менен кеңешип көрөйүн деди. Күткүлө, эртең менен келем, ошондо чечебиз акыры…

Түндө оттун жанында олтуруп, Элес дагы эле ошол жөнүндө ойлоп жатты: эскерүү күндөрү көрүстөнгө, анын күмбөзүнө алардын баласын ээрчитип келүү маңдайына жазылганбы?

Алыскы тоодон ага Кайып колуктунун: "Кайдасың, кайдасың, менин мергеним, жооп бер!" деген үнү угулганда, ал ага шыбырай жооп берди: "Угуп жатам, угуп жатам сени, Кайып колукту, эми мен да сага окшошмун".

Эртең менен жагдай жакшы жакка бурулду. Өкүнүү адам баласына дароо келбесе керек, өзүндөгү ачуу менен түбөлүк алышуу аркылуу анын жолу оор, бардык мезгилдердин ааламдык боорукерликке болгон чакырыгын жөнөкөй адам үчүн угуу оңой эмес.

Таштанафгандын кишилери замбил, маркумдун сөөгүн орогонго кепин алып келишти. Аны машинелер менен Бектур күтүп турган жерге көтөрүп баруу керек. Демек, Молоташ үңкүрүн жардыруу кийинкиге жылдырылган же токтотулган. Шеф Бектур илбирстин өлүгүн ошол жакка, тоого көөмп салгыла деп көрсөтмө берген.

Өзүн жесир деп жарыялаган Элес кара жабуучан замбилдин артында баратты. Анын артынан эжеси Кумар күйөөсү Жоро менен аттарын тизгинден кармап жетелеп баратышат.

Эч ким ушул тапта Таштанафгандын эмне болуп жатканын биле албады. Ал дагы аза күтүп артта келе жатты. Көздөрүнө жаш алып баратты деп айтышат. Анан бир убакта ушунчалык аздектеген аскердик шапкесин башынан жулуп алып, алыс ыргытып жиберди.

Элес бара жатып: "Угуп жатам, угуп жатам сени, Кайып колукту. Мен дагы келем, сени табам, анан экөөбүз чогуу ыйлайбыз. Күт, мен жакында келем…" деп ичинен кайталап жатты.

Ошол күндөрү бир болумуш айтылып жүрдү, ишенүү кыйын болгон бир болумуш. Таштанафгандын эки жигити Молоташ үңкүрүнө ал жактан атылган "чоң баш-туу куйруктун" өлүгүн сүйрөп чыгып, ошол жактан бир жерге көөмп салуу үчүн кайтып келишкенде, Жаабарс үңкүрдө жок болуп чыгыптыр деп айтып жүрүштү. Бир жакка жоголду Жаабарс. Дайынсыз жоголду…

Кийинчерээк ал көлөкө сымал тоолорду кезип, сандалып жүрөт дешти. Анын өзүн эч ким көргөн жок, бирок карга түшкөн мурдагыдай эле зор издерин көп адам байкады. Жаабарс дагы эле кар күрткүлөрүн кечип жүргөндү жакшы көрөт. Жаралгандан ошондой…

ЭПИЛОГ ОРДУНА

Арсен Саманчин

(Элес Жаабарсованын жарыялоосу боюнча)

ӨЛТҮРҮҮ-ӨЛТҮРБӨӨ...

Аңгеме

Кан чачырабаган күн гана калат

жана чабандеси жок ат үркүп качат...

Сыган аялдын төлгөсү

Учакты активдүү зенит огунун аймагынан чыгарып баратып, учкуч аткылоодон канчалык алыстоого үлгүргөнүн аныктоо үчүн ылдый жакты карады. Ылдыйда аны менен чогуу бурулуп, бир капталына кыйшайгансыган калың, күңүрт жашыл токой жайылып жатты, токой кайдагы бир түпсүз туңгуюкка кулачудай түр менен бара-бара аңтарылып бараткандай туюлду. Кийинки мүнөттө учак учуп бараткан калыбында түзөлдү жана токой да заматта өзүнүн туруктуу ордуна кайтып келди, алыстагы түтүндүү горизонт менен жуурулушту. Дүйнө өз ордуна келди. Учкуч демин араң басты жана ошол көз ирмемде учактын алдында күтүүсүз бир нерсе пайда боло калды, ал ушунчалык капыстан пайда болгондуктан учкуч абада эмнеге урунганын түшүнүүгө да үлгүрбөй калды - кандайдыр бир көлөмсүз бирдеме, тирүү, тыкыс денеси менен учакка катуу уруна түштү. Соккудан учак кескин чайпалып барып, учкуч бир нече секундга эч нерсени көрбөй калды...

Бул жанталаша учуп бараткан канаттуулардын чоң тобу болчу, алар учуп бара жатышып көр болуп калгансышты...

Учкуч кара терге түштү. Тик ылдый кулабоого тырыша, штурвалды араң кармаган ал, кабинанын терезесине чапталган кандуу аралашмадан жийиркене силкинди.

Канаттуулар күздү күтпөстөн, биринчилерден болуп бул аймактардан учуп кетип жатышты. Алар жайдын толук кезинде топтошо жана жалгыздан, күндүз жана түнкүсүн, басып чыгарыла элек жумурткалары менен уяларын таштап, учуп кетип жатышты, али тумшугунан жем жеген, алсыз моюндарын созгон сары ооз балапандарын калтырып, учуп кетип жатышты. Акырында саз үкүлөрүнүн түнкүсүн уулдаган үндөрү басылып, алар да кайдадыр бир жакка житип жоголушту...

Жан-жаныбарлар качты...

Бардык жактарда бир нече чакырымга созулуп кара түтүнгө капталган токойлор өрттөндү, кылымдар бою турган токой талкаланды, зор кызыл карагайлар бороондогудай карсылдап кулап жатышты. Замбиректердин жамгырдай жаадырган огунун туташ жардырууларынан оргуп, жарылган миналардан, асмандан кулаган бомбалардан, танкалык чабуулдардан жана танкаларга каршы атылган октордон жер солкулдады... Жардыруулардан эзилген булактар жээктеринен чыгып, аңдар менен эңкейиштерге куюлуп агып жатты. Бир танка талаанын ортосунда замбирегинин оозун тике асманга каратып, суу толгон жарда түбөлүк жатат...

Ушунун баары күн сайын кайталанып жатты. Бул аймакта аскердик тил менен айтканда, фронттордун согушу жүрүп жаткандыктан токтотулууга эч мүмкүн эмес эле. Фронт фронтко каршы. Ар бир тарап каршылашынын коргонуусун талкалап, чечкиндүү чабуулга өтүп, душмандардын флангдары менен тылдарынын таш талканын чыгарып, адам күчүн жок кылуусу зарыл болчу. Ар бир тарап биринчи болуп каршылашын үзгүлтүккө учуратууну, алдыга озуп чабуулду баштоону өз милдети деп эсептеди...

Бирок азырынча эч кимиси бул тапшырманы аткара алышпады. Мына ошондуктан позициялык согуш күндөн-күнгө, күндөн-күнгө созулду...

Ал эми убакыт өз нугу менен өтүп жатты. Дээрлик күзгө чейин бул согуштук аракеттердин театры деп аталган мейкиндикте замбиректердин үнү күндүз да, түнкүсүн да, жамгырда да, бороондо да басылган жок... Ал жылы канаттуулар ошол бойдон уяларына кайтып келишпеди, тепселенген чөптөр ошол бойдон гүлдөп, уруктана алышкан жок...

Бири-бирин талкалоону көздөгөн фронттук штабдар аңгыча шашылыш жаңы иштиктүү пландарды түзүп, жоготуулар жөнүндө, өлгөндөрдүн жана жарадарлардын саны тууралуу жашыруун маалыматтарды жеткирип жатышты, тиги да, бул да штаб бир ооздон сокку жасоо кубатын күчөтүү зарылдыгын далилдеп, өздөрүнүн жогорку башкы командачылыктарынан дагы жана дагы кошумча тирүү күч, техника, курал-жарак, ок-дары жиберүүнү бирдей суранып жатышты, бирөө жаңы жашоо мейкиндиктерин басып алуу идеясы үчүн, экинчиси ошол эле мейкиндиктерди коргоо максатында. Бирок, кандай гана болбосун, бул да, тиги да шартта кармалып турган согуштук бөлүктөр кетип жатты, фронттордо күчтөр кемип, кайрадан толукталып жатты...

Аңгыча согуш кызыган жай мезгили аягына чыгып баратты жана согушуп жаткан тараптардын ар бири үчүн даярдыктын акыркы мөөнөтү, анын артынан жер бетинде ээ-жаа бербеген күч күтүүсүз селдей каптаган чабуулдар жарып өтө турган акыркы чекке келип жетти...

Жер бетиндеги бардык нерседен күн гана кан чачырабай кала турган ошол улуу иш-аракетке, канаттуулар калтырып кеткен аймактарга, мүмкүн дал ушул жамандык менен бүтүүчү окуялар үчүн жарык дүйнөгө келген көп адамдарды ошол учурда тагдыр айдап келе жатты.

Алардын бирөө бул жакка аскердик эшелондо Саратов шаарынан, Волга боюндагы аптаптуу Азияга кире бериштен келе жатты. Эшелондогулардын баары согушка бараткандарын түшүнүп турушту, бирок кайда, кайсы фронтко, кайсы бөлүккө - муну командачылык гана билет, жоокердин иши - кайда айдашса... Ошентсе да, аларды Москвага алып баратышат деп айтышты, андан ары белгилүү иш - фронтко... Айткандай эле болду. Мындай жүрүштү алдын-ала айтуу кыйын деле эмес болчу.

Саратовдон кечкурун чыгышты, ысык, аба жетпеген түндөн соң, жай бою куурап, аптаптан бозоргон Волга боюндагы талаалардан кийин капталдардан, бирде жакын жерде, бирде темир жолдон окчун жашыл шиберлер менен ийне жалбырактуу токойлор көрүнө баштады, илгерки, эски сүрөттөрдө тартылгандай - суктанып карагың эле келет. Алтургай жоокерлерге жана аткычтык куралга шыкалган жылууланган вагондордун ачык каалгаларынан бир кыйла серүүн аба сокконсуду. Бир аздан соң жыш токойлор башталды. Өздөрү Орусиядан эмес эле, кайдадыр бир башка жактардан келе жаткансышып, жоокерлер:

- Карасаң, кандай токойлордон өтүп баратабыз! Орусия башталды, Орусия-энебиз! - деп кобурашып атышты.

Алардын арасында бир өтө эле жаш, бою узун жана арыкчырай бала бар эле, аскердик кийим үстүндө атасыныкынан бетер шөлбүрөп калган, Сергей Воронцов же аны взводдо аташкандай - Сергий кечил же Сергий ата. Ошондой себеп болгон, жигит кудай жөнүндө сөз козгоп, кудай бул сыйынуучу сүрөт эмес - кубулуш деп айткандыктан, кандай кубулуш экени тууралуу анын айткандарын эч ким түшүнгөн да жок. Ошентсе да, шылдыңкорлор аны шакаба чегип чиркөө тили менен Сергий кечил деп ат коюп алышына ушул эле жетиштүү болду. Ырахат алып жатышты - Воронцов он тогуз гана жашта болчу, акылдуусунган немени шылдың кылууга эмнеге болбосун. Ал болсо таарынган жок. Ошол Сергий вагондордун каалгаларына туурасынан кагылган тирөөчтүн жанында көпкө турчу, ал жылчыкта башкалардан көбүрөөк серейип турар эле. Башкалар карта ойношту, кээ бирөөлөрдүн жадагалса кечээки бекеттеги узатуудан калган ичимдиги да бар экен, адаттагыдай кыймылдын тарсылдагы менен ызы-чуусунда бекерчиликтен ар кандай бакылдаган сөздөр болуп жатты, дагы бирөөлөрү ырдашты, жол жүрүп баратып ыр угушту, аны, Сергийди болсо каалга азгырып туруп алды - кыя өтүп жаткан жаңы жерлерди көргүсү келди. Баарынан көбүрөөк карады, балача кызыкты - накта орусиялык бул тарапка Сергий биринчи жолу кетип бараткан, мектепти аяктаганда Москвага барып окусам деп кыялданчу, бирок эми мунун баары кыял бойдон калды, поезд аны согушка алып баратты. Азырынча жашоо эшелондо, кыймылда, бекеттерде кайнак сууга темир чайнек көтөрүп чуркап чыгуу менен, аскердик тамакты жеп, Волгадагы аскердик лагерде үч ай машыктыруудан кийинки жол таасирлеринин алмашуусу менен өтүп жатты. Таң калыштуу, ал мурда көрбөгөн, башкалар - көптү көргөндөр үчүн андай деле кызыктуу болбогон, укмуш бир нерсени көрөөр замат Сергий жанында турган бирөө-жарымды улам жеңинен тартып, тигине карачы! - дей калат. Ал жакта болсо кандайдыр бир кыйылган темир жолго ыктай жатып калган дарак, же камыштар арасында жашырынган көлмө, же бир апенди эмнегедир уйга минип алган - мына сага, кавалерист деп ушуну айт, заводдун жанындагы күйүп жаткан мунай шаманасы менен бийик мор. Сергий мунун баарын түшүндүрүп, асманда шамана өзү менен өзү, ашыкча газ чыгаруу үчүн күйүп жатат деп айтып берди, алардын, анын атасы иштеген мунай өндүрүшүндө ушундай шаманасы менен мор бар болчу. Кыштын караңгы түнүндө, кар жааганы абдан кооз, карлар тегеренип учушат, ал эми асманда - тирүү от. Жаңы жылда энеси, эжелери болуп кол кармашып карды кечип, шаманага суктанып кароо үчүн барышаар эле. Үйгө келишкенде үйдүн ичи жылуу, жарык болоор эле, ырларды окушчу, энеси май токоч берчү, атасы - дайыма олуттуу эсепчи - ал да шаттанчу. Кээ бирөөлөр, апенди-кечил ырларды, май токочторду эстеди деп күлүштү... Анан ушу фронтко баратабы!

Ал эми бир тоомдук бекетте - поезд да жай бараткан жана күүгүм кирип калган, Сергий бомбалоолордон өрттөнгөн, тарпы чыккан паровозу жана ошол сыяктуу эле талкаланган вагондору менен запастагы жолго жеткирилген, составга капыстан жалпынын көңүлүн бурду. Эч ким эч нерсе деген жок, бирок, албетте ар бири ойлонду: поезддин бомбалоо астында жалынга курчалганын, фашисттик учактардын ары-бери чабыттаганын, бул вагондордо эмне болуп жатканын элестетти. Канчасы өлдү, канчасы секирип кетти, канчасы өрттөндү? Бул алардын көз алдына тартылган согуштун биринчи белгиси эле. Көрүстөндөгүдөй болуп жымжырттыкта жолугушушту жана күүгүмдө акырын эки жакка кетишти. Көбү ойго бата махорка тамекилерин түтөтүп, тунжурашты.

Бирок жолдо күлкүлүү окуя да болду, баланы шылдыңдап күлүп алышты, Сергий кайрадан бирөөнү жеңинен тартты:

- Карачы! Кудуктар кандай бул жерде, тигине көрдүңбү? Үстү жабылган, жыгачтан кесилип боёлгон далис өңдүү кудук! Кандай көркөм!

Анысына какшык аралаш жооп укту:

- Сен жыгачтан кесилип боёлгон кудукту караба! Сен кызды кара, тигине, кудуктан суу алып жатат. Карачы, кандай күнгө күйгөн, а жамбашычы! А сен - кудук! Эх, кечил, азыр сенин ордуңда болсом эшелондон секирип кетет элем, бирок качкын деп жазып коюшат да!

Кыраан каткырык!

Айтмакчы, чынында эле, эл анын ушундай - аңкоо, кечил, жаш бала экенин тез эле байкап коюшчу, кудай бойду берсе да, далылары да андай арык эмес болсо да, керектүү жакты карабайт, ой жүгүртүүсү деле зирек, бирок Сергийдин али өспүрүм, тартынчаак, атүгүл деги бир кызык экени чын эле. Сергий өзү да, олдоксондуктан ичти күйгүзө тез арылып, башкасын айтпай эле коёлу, аялдар менен да оңой мамиле түзүшкөн өзү теңдүүлөрдү карап туруп, бул жөнүндө капалана ойлонуп кетчү. Алчы! Сүйүүнүн четин чыгарган бир окуя башталып баратып, анан маанисиз аяктаган.

Мына кечээ да бекеттен поездге олтуруп жатканда бир кызык окуя болду, мүмкүн күлкүлүү, мүмкүн андай эмес... Жолду катар оюнан кетпей койду. Ушунун баары анын ким экенин - бар болгону жөнөкөй кечил экенин өзгөлөр бир көрүп эле билип коюшканынан болду.

Ал эми иш, алардын бөлүгүн жөнөтүүнү күтүүсүз, чуу көтөргөндөгүдөй болуп, таң заардан жарыялашканынан болду. Эмне үчүн мынчалык шашылыш экенин айтуу кыйын, бирок ошондой буйрук болду. Согуш жүрүп жатат жана баары ошону менен түшүндүрүлдү. Буйрук деген буйрук. Шашылыш камына башташты. Анан көп өтпөй алар шаар четиндеги лагерден жөө аскер иретинде, роталарга бөлүнүп, Саратовдун четки көчөлөрү менен бекетти көздөй жөнөштү... Ошол колоннадагылардын көбү аскерге алынган, мобилизацияланган саратовдуктар болчу. Көчөлөр менен өтүп баратышып, кээ бирөөлөрү өзүлөрүнүн үйлөрүнүн, жатаканаларынын терезесинин түбүнөн, жакында эле эмгектенген фабрикаларынын дарбазасынын жанынан өтүп баратышты. Анан кантип унчукпай өтүп кетишмек эле? Бул окуянын баары ошондон улам башталып кетти. Албетте, эч ким катардан чуркап чыгууну ойлогон да жок, командачылар мындайга жол бербейт эле, бирок туугандары менен коштошуп калуу үчүн басып баратып, жайкы ачылган терезелерге кыйкыргандар болду. Же өтүп бараткандарды чакырып, салам айттырып жатышты. Анан ошол замат ар кайсы жактан бири-бирин жөөлөшүп балдар чуркап келишти: "Жоокерлер баратышат! Кызыл жоокерлер баратышат!" Анан дагы аялдар - жубайлары, эже-карындаштары, кошуналар! Баары ушуну эле күтүп турушкансып, ким кандай кийимчен чуркап чыгууга үлгүрсө ошол бойдон ээрчип алышты, бирөө кепиччен, дагы бирөө жылаңайлак улам секирип коюп, бирөө башын жууган боюнча суу чачына оролгон сүлгүсү менен, бирөө айрык этекчен. Алар катарга тизилип басып бараткан жоокерлерди жандап, аларга насаат айтышып, согушка жөнөп жаткандарды коштошоордо бирин калтырбай баарын кудайга табыштап жатышты, ошол саатта алар үчүн алардын бири да калбай баары бирдей бир тууган, кандаш болчу. Чуркап баратышып, тезирээк үйлөрүнө, Саратовго, Волгага, туулган жерлерине жеңиш менен кайтууну каалап жатышты, а бир муңдуу бечара ыйлап: "Сталинге даңк! Сталинге даңк!" деп улам кыйкырды. Анан бекетке жетээрде эстерине келишти, аялдар ажырашаар алдында ыйлай башташты, өзүлөрү жөнүндө, өзүлөрүнүн кайгылуу жазмышы жөнүндө эстешти, анткени фронтко кетип жаткандар менен түбөлүккө коштошуп жатып, алардын кайгыра турган жөнү бар эле - алардын бүт өмүрү ушул күндөн тартып согушка чабылган курмандыкка айланат, алардын бешенесине өмүрү өткүчө аргасыз жесир болуу тагдыры буйруган...

- Кана аялдар, чурулдабагыла! Жүрүшкө жолтоо болбогула! Тарагыла!

Бирок аларга эч кандай кеп-кеңештер да, командачылардын катуу кыйкырыгы да таасир этпеди. Ошентип жоокерлер катарга тизилип, жанында чуркап алган аялдар менен бала-чака Саратовдун ийри көчөлөрү менен бирде өйдөлөп, бирде эңкейиште ылдыйлап келе беришти. Волгадан барган сайын алыстап...

Коштошууга чыдоо ушунчалык оор болот деп ойлогон эмес Сергий, өмүрүндө биринчи жолу көпчүлүктө коштошуп жатышы. Катарлаш бараткан башкалар өңдүү эле өзүн кайраттандырууга аракет кылып, баарына жылмайып, көзүнө урунгандарга кол булгалап - эч нерсе эмес, баарына чыдайбыз деген түр көрсөткөнү менен жүрөгү сыгылды. Анан кантсин? Ичинен өзүнчө кыжаалат болгон дагы бир себеби, жакындары менен коштошо албай калганы, ата-энеси картаң адамдар эле, ал эң кенжеси. Бир эжеси Казакстандын Кытай менен чектеш бир жеринде чек ара коргонунда жашачу. Экинчиси Вероника бул жерде, Саратовдо, анын күйөөсү согушка кеткен, өлүү-тирүүсү белгисиз. Анын кичине ымыркай баласы бар, жумушка кеткенде аны акыркы убакта тез эле картая түшкөн энесине таштайт, атасы болсо - Воронцов Николай Иванович, өмүр бою волгалык мунай өндүрүшүндө эсепчи болуп эмгектенген, ал учурда ооруканада жатчу, көптөн бери ооруйт. Ушунун баары тууралуу аларды күн-түн дебей аскердик ишке машыктырган шаар четиндеги лагерге, аскердик бөлүктүн талаа почтасына Вероника кат жазчу. Туугандардын келүүсүнө уруксат берилчү эмес жана ошол каттарда Вероника алардын башынан өткөргөндөрүнүн баарын, үйгө да, жумушка да, атасына ооруканага да - баардык жакка жетишүү кандай оор болуп жатканын айтып берчү. Ал дайыма жаны жай албаган, бардыгы үчүн тынчсызданган адам эле. Ал эжесин, Верониканы ачык мүнөзү жана болгонун болгондой, жаап-жашырбай жазганы үчүн жакшы көрөт. Бирок эжесинин акыркы катына Сергий жооп жазбады жана жазабы билбей турду, ал кат ага жагымсыз таасир этти. Жүрөктө бир кызык, ыңгайсыз сезим калтырды. Вероника анын мурдагы классташы, Наташа жөнүндө жазыптыр, ал кайдан гана билип алды экен? Аны мектепте "коминтерка" деп аташчу, анткени Наташа жетинчи классында эле Коминтерн тууралуу, Испанияда коминтерндик уюмдар бардык өлкөлөрдөгү жумушчулар жана дыйкандардын бактысы үчүн күрөшүшкөнү жөнүндө ыр жазган, аны Москвага жөнөткөн, ал жактан ага алкыш билдирген кат келген, анан бул мектепте жаңылык болгон, ал катты баарына окуткан. Чыйрак, шамдагай Наташка-коминтерка кийин активистка болуп, бардык жыйналыштарда чыгып сөз сүйлөчү, аны баары билишчү, ал да баарын билчү. Анан жазында дал согуштун алдында бир окуя болгон. Бир жолу мектептик кечеде ал аны менен бийлеген. Сергий терезенин жанында вальс бийлегендерди карап турганда, ал өзү бир убакта шеригин калтырып жакын келди да, аны колунан ишенимдүү кармап бийге тартты: "Жүр, Сережа, баарынан да сени менен бийлегим келип жатат!" Чечкиндүүлүгүн карасаң! Ал болсо ушуну эле күтүп тургансып, албыра түштү. Алар бийлеп жаткан көпчүлүккө кошулушту. Ошондон улам башталды.

Сергий болуп көрбөгөндөй кыйноолорго туш болду - бийлеп жаткан көпчүлүктүн арасында баш айланат, денени жана демди кызытып, вальс бийлегендерден бир көрүнбөс от чыгып жаткансыды, өзүнө арбаган кумарга ушунчалык берилди. Ошол эле учурда ал көпчүлүктөн кысынып турду, элден качып кеткиси, эч ким көрбөгүдөй болуп, Наташаны өзүнө кыса улам бийиктеп асманда учуп жүрө бергиси келди. Наташка-коминтерка болсо тал чыбыктай солкулдап ийилчээк да, тил алчаак да эле жана дагы башта жылдырбаган олдоксондук жоголуп, алардын ортосунда өтө тез өрчүгөн өзгөчө жакындык сезиминин пайда болушу аны таң калтырды - жүрөгүнүн дүкүлдөгөнү күчөйт, башкаруу мүмкүн эмес. Бул тартылуу барган сайын аны ээлеп алды, ушунчалык жакын туруп, анын ысык илебин сезип жатып, жүзүнө тик карай албады жана толкунданганынан эмне болуп жатканын түшүнгөн жок. Анан ал бир убакта: "Мен билем Сережа, сен мени сүйөсүң, мен жөнүндө кыялданасың!" - дегенде гана анын адепсиз күлгөн көздөрү менен атайын жакындатылган сүрдүү кебетесин көрдү.

Сергий абдан апкаарый түштү, мындайды ал күткөн эмес, буга даяр эмес болчу, дагы жакшы ыргактан адашпай, тегерене берди. Жооп иретинде бул өңдөнгөн чакчырылган башка балдар укмуш айтчу көчө сөзүнөн айткысы келди, алар айтса тим эле дем жетпей кетет, аныкы болсо баары олуттуу болуп калчу. Аны сүйөбү же жокпу ойлонбогонун да айтайын деди, ошентсе да аны бир аз жактырчу, аябай эле жактырчу. Бирок Наташка анын оюн билгенсип, андан озуп, анын ниетин өзгөртүп салды. "Жооп бербей эле кой, Сережа, жооп бербе, аракеттенбе! Мен тамашаладым, - деди ал музыка ыргагына жараша башын чайкай тегеренип, - бирок, билесиңби, мен сени эң жакшы билем, эмне айтаарың да мага белгилүү. - Наташка сөздөрү жакшы угулушу үчүн залдын четине токтоду. - Мен баарын ким эмне жөнүндө ойлойт билип турам. Райкомдо мени шайыр комсомолка-үгүтчү деп айтышат. Сени да көрүп турам. Сен мени сүйөсүң жана жакында мага бул жөнүндө айтасың! Сен башкалардай эмессиң да. Макоо, ой макоо! Сен чыгынганча... Мен баарын билем. Сен али кыздар менен эч качан эч нерсе!.. Ошондойбу? Түшүнүктүү да! Жашырба эми! Мен көздөрүңдөн көрүп турбаймынбы! Бирок жакында баары сага асылышат! А сен көзүңдү ач! Мен биринчимин! Анан сен мени менен болосуң! - Алар кайрадан бийде тегерене башташты. Наташка үнүн баспады: - Бардык жерде чогуу жүрөбүз. Мен чогулуштарда сөз сүйлөйм, сен болсо гезит үчүн жазасың, кабарчы болосуң. Сен жакшы жазасың, мен билем. Түшүнөсүңбү, мен тайбасмын, эл алдына чыгып укмуш сүйлөйм, а сен акылдуусуң, мага дал сендей керек. Түшүндүңбү?"

Мына ушундай сөз болду, тамашабы же чынбы, бул жөнүндө ойлонуу керекпи же унутуп салуу оң беле, бирок ошол түнү Сергий уктай албады, таң аткыча кыйналды, ал электр тогуна урунгандай болду. Ошондон кийин ал ага кат жазууну чечти, бирок кийин аны кайра тытып салды. Олуттуу кат жазуу орунсуздай туюлду, ал эми жөн эле көңүл ачуу үчүн, ага жагалданып жазуу Сергийге кызыксыз болду.

Кийинчерээк аны унутуп да калды. Мектепти бүткөндөн кийин ал пединститутка тапшырып жатканда - согуш ошол жайда башталды, алар эки ирет көрүшүштү, бирок сүйүү жөнүндө сүйлөшүшкөн жок. Ар бир ирет Сергий алар бул темага кайрылышат го деп күттү, бирок өзү сөз козгободу жана андан да уга алган жок. Бул окуяны унутуу баарынан туура болмок, бирок аскерге чакыруу барагы келгенде баары тескерисинче болуп калды. Сергий чыдай албады, ал жашаган көп кабаттуу үйгө барып, анын айланасында чайналып, толкунданып, кетип калуу жана күтүп туруу каалоолорунун ортосунда эки анжы болуп, сандалып жүрдү. Акыры жолукту - ал үйүнө келе жаткан. Бирок баары кандайдыр бир көңүлсүз болуп калды. От өчүп баратканда ушундай болот. Аны кайрадан тутандыруу үчүн кургак чырпыктарды табуу керек эле. Сергий согушка жөнөп жатканын жана аны менен коштошууга келгенин айтты. Ал кайдыгер эле кабыл алды, азыр баарын фронтко алып жатышат, мобилизация деди, азыр абдан шашып баратканын, жумуштары бар экенин айтты, бирок кат жазып турам деп сөз берди. Тезирээк талаа почтасынын дарегин жазып жиберүүсүн өтүндү. Сергий буга абдан кубанды - ушун үчүн, кат алышуу тууралуу макулдашканы эле келгенсиди, анткени катта көзмө-көз айта албаган көп нерселерди айтуу мүмкүн. Катта кээде бетине айтууга эркиң жетпеген нерселерди да айтууга болот. Бирок дароо биринин артынан бирин жиберген үч катынын бирине да, ал убада кылынган жоопту, абдан күтүп, ар кандай айтылыштарды жана жоопторду оюна сактап жүрсө да, ошол бойдон алган жок. Күнүмдүк жоокердик жашоо арасында үмүт өчкөн кезде, капыстан Вероника эжеси акыркы катында - кайдан баарын билип алды экен? Наташа-коминтерка, билген адамдардын айтуусу боюнча, өзүнөн бир топ улуу, аялы бир жыл мурда каза болгон жана согушка чакырылуудан бошотулган уруксат кагазы бар кишиге турмушка чыкканы жатканын жазыптыр. Андан ары Вероника жазат: "Сережа, кымбаттуу иним, бул туурасында кабатырланба. Мен сени билем го, сен ар кайсы романдарды окуп алгансың жана баарын китептердин барагынан карайсың, капаланасың. Бирок сен антпе. Түшүнсөң, сен такыр башкачасың. Силердин мүнөзүңөр ар башка. Аны ичиңден да айыптаба, эгер турмушка чыгууну чечсе, демек ал анын иши. Силер төп келишпейсиңер. Мага ишенип кой. Сен аман-эсен кайтып келсең эле болду, согуш тезирээк бүтсө экен, сенин бактылуу болооруңдан жана сени менен дагы бир кыз абдан бактылуу болорунан шек санабайм, Сережа! Болгону сен эч сарсанаа болбо, кымбаттуу иним. Бизге тезирээк кайтып келчи... Тезирээк эле согуш бүтсө экен, тезирээк эле..." Мына ушундай кат. Чын-чынына келгенде, Наташка-коминтерка экөөнүн ортосунда санааркай турган деле эч нерсе болгон эмес. Бирок эжеси аны баары бир жооткотуп коюуну туура көрүптүр.

Эми бул Наташка менен болгон ишке ашпай калган окуя ал үчүн унутулган түш сымал, анын он тогуз жашындагы жашоосунун бир үзүмүнүн өткөн сабагы катары артта калды. Ошону менен согушка жөнөп жатты, өзүн-өзү түшүнбөстөн, анын баё жан дүйнөсү кокусунан ишенип калган оюнан кайтуунун да, кайгыруунун да оор сезими менен кетип баратты. Ал өзүнүн балачагы өткөн шаардан түптүз согушка жөө катарда, көчө бойлой чуркаган аялдар менен балдардын коштоосунда кетип баратты. Ошону менен бирге алардын арасында эжеси Верониканын жок экенине аябай өкүндү, алардын шашылыш жөнөгөнү жөнүндө билгенде сөзсүз, эч нерсеге карабай акыркы ирет көрүшүп калуу үчүн чуркап келбейт беле.

Бирок ар убакта - дүйнө укмуштарсыз болбойт дешет. Мүмкүн ал дал ошондой окуядыр. Тагдыр анын эжесинин жоктугун такыр эле күтүүсүз жол менен толуктоону чечти. Бул жөнүндө ал жолдо кетип баратып, вагондорго олтурушкандан кийин, бир аз тынчтанган соң гана ойлонду.

Алар бекетке келе жатышканда, бир маалда көп аялдардын арасында бир сыган аял пайда болду. Анын кайдан пайда болгону бир кудайга эле белгилүү болбосо, бирок жайкысын Саратовдо сыгандар арбын болоор эле. Сыган аял өзүнүн каратору жүзү менен да, чуркаганда кулагындагы ары-бери салпаңдаган чоң сөйкөлөрү менен да, ийининен түшкөнү калган ачык түстөгү айрык жоолугу жана узун, дээрлик жер чийген этеги менен көзгө урунуп жатты. Кадимки эле сыган аял! Элдин көптүгүнөн жана кыймылдын шары менен келаткан болсо керек, ал дагы колоннаны жандап, шашыла бир нерселерди кыйкырып, жаңсап, анан дагы катардан кимдир-бирөөнү издеп жаткансыды. Жоокерлер таң кала бири-бирине көз кысышып, карасаң, тиги сыган аял сени издеген жокпу? - дешип бири-бирин капталга нукуп жатышты. Бирөө болсо өзү кайрылды:

- Эй, сыганка, угуттуусуң ээ, мен мындамын! Угуп атасыңбы? Бул менмин го! Төлгө ачып берейин деп мени издеп атасыңбы?

Жообуна ал бир кезде ага да төлгө ачып берээрин, бирок азыр керектүү адамды өзү табаарын укканда таңыркады. Ал айткандай эле болду.

Көп өтпөй ал мүмкүн жогору жактан берилген ички туюму менен же мүмкүн өз көңүлү менендир чуркап баратып издеген адамын тааный калды. Катарда бараткандарды таң калтырып ал Сергий эле. Эмне үчүн ал? Эмне үчүн дал ага, Сергийге жандай чуркап баратып, кайрылды сыган аял:

- Укчу, жигит! Кулак салчы жаш жигит, эй сен, кара каш, четке чыкчы, колуңду берчи, мен сага жолго төлгө ачып берейин, бактыңды ачып берейин!

Сергий катардын четинде үчүнчү болуп бараткан. Бирок маселе мында деле эмес, ал үчүн таң калыштуу болгон мындай кырдаалда эмне кылышты билбегенинде эле. Буга чейин ага эч ким деле төлгө ачып берген эмес, үйүндөгүлөрдүн баары көз боочулуктан алыс болчу - атасы эч кандай карталарга ишенчү эмес, энеси да ырым-жырымдарга анча маани бербеген, а бул жерде мындай болбогон окуяга туш болду.

- Кереги жок! Мен каалабайм! - деп кесе айтты ал, жылмайып, ийиндерин куушура, баш тартканы үчүн уялып, кечирим сурап коюу керек экенин түшүндү, бирок кантип жана эмнеге? Анын үстүнө жанындагылар тамашалай башташты: - Мына сыган аял кимге төлгө ачышты билет да, биздин кечилди тандап алды. Анан башка кимди? Ал кудайга ишенет эмеспи, мына дал өзү!

Ошентсе да сыган аял калбады:

- Уксаң, жигит, жок дебе - бул тагдыр!

Ага бирөө айта салды:

- Анын аты Сергий.

- Сергий? Эй Сергий, кымбаттуу, эй, кара каш! Мен сага айтып жатам - бул тагдыр, баш тартпа. Сергий, сен али абдан жашсың, келечегиңди айтып берем! Чын жүрөгүмдөн төлгө ачам! Баарын болгондой айтам!

Бирок ошол учурда бир макоолор ага ороңдошту:

- Болду, жолтоо болбо, сыган катын! Көрүп турасың го - басып баратабыз.

- Мен жолтоо болбойм, мен жөн эле басып баратып алаканын карап коём!

- Калчы, тажаттың, айттык го, жолтоо болбо!

Сыган аял жаш эмес, бирок картаң да эмес эле. Анын жүзүндө адаттагыдай куулук жок, тескерисинче Вероника эжесине окшоп, ачык жана боорукер болчу. Вероника дайыма бирөөгө жакшылык жасагысы келчү, ошондуктан жаны тынчу эмес. Ооба, Вероникага аябай окшош экен. Же ал: "Мен сага эжең катары айтам! Иниме айткандай!" деп кыйкырганынан улам ушундай сезилдиби.

Анан сыган аял көпчүлүктүн арасында көрүнбөй калганда Сергий өкүнүп, өзүн жемелеп да жиберди - макул болуп койсо болмок, ал эмнеге мынчалык тартынчаак? Жакшы болбой калды.

Аңгыча алар бекетке келип калышты, катарды бузбастан, рота артынан рота, взвод артынан взвод болуп келишти, аскерлердин артынан агылып келген Саратовдун эли бакылдашып, чуру-чуу түшүп жатышты. Олтуруу үчүн эшиктери кенен ачылган товардык вагондору менен эшелон жолдо турду. Абдан узун состав, учу-кыйыры көрүнбөйт.

Анан жөнөөр алдындагы башаламандык башталды. Кайсы взвод кайсы вагонго түшөөрүн бөлүштүрүп жатышты, составды бойлоп ызылдашып баратышты, ага кошумча бутка чалынган аялдар, балдар жана аларды эч кубалап кетире албайсың.

Жүктөрдү жайгаштырып салуу бир кыйлага созулду. Перрондо ысык жана кысылыш эле. Вагонго түшүүгө өз кезегин күтүп турган Сергий сыган аял жөнүндө унутуп да койгон, бир убакта ал кайрадан элдин арасында пайда болду. Акыры тапты, көрчү кандай өжөрлүгүн.

- Эй, Сергий! Мен сага келдим! Жок дебе, жигит, мендей сыган аялды угуп кой. Тагдыр сага жолго төлгө ач деп буйруп жатат. Баш тартпа, согушка баратасың, келечегиңди билип аласың.

Сергий сүйүнүп да кетти:

- Макул. Андай болсо төлгө ача бер,- деп буюмдар салынуучу мешогун бутунун жанына коюп, автоматын мойнуна асынды да, колун ага суна койду.

Мына ошентип вагонго отураардын алдында, взводдогу жолдошторунун курчоосунда төлгө ачуу болду. Сыган аял алакандагы сызыктарды кунт коё карап, эриндерин кыбырата бир нерселерди шыбырап, башын чайкады:

- О, көз көрө элек жана кулак уга элек улуу салгылашуу болот. Ой, тагдыр, тагдыр! Кан чачырабаган күн гана калат жана чабандеси жок ат үркүп качат, - деп кобуранып жатты ал, эч кимге кайрылбастан, анан Сергийдин көздөрүнө тике карап, кошумчалады: - Сенде түшүнүксүз сүйүү болгон. Ал сага кайгы алып келген, бирок курулай. Жана жазылбаган ак барак сымал сен таптаза бойдонсуң.

Ошол жерден жоокерлер какшыктай башташты:

- Түшүнүктүү иш го, биздин бозоюбуз сүйүп калды - бирок эч натыйжа болбоду!

- Болбоду! - анткорлоно ага жан тартымыш болду экинчиси. - Силерге шылдыңдатып эле койсо болду. Демек, биздин кечилибиз жөн жерден азап чегиптир да, тиги кыз болсо куйругун чайпап кетип калгандыр! Ал кандай таза болсо ошол бойдон кала берди!

- Сен аларды укпа, жигит, мени ук, - деп көңүл бурбады сыган аял. - Эми тиги колуңду бер жана мени гана тыңша.

Сергийдин сол алаканын карап атып, сыган аял кабагын чытып, бир азга унчукпай калды, анан шаңдана кыйкырды:

- Сен өлбөссүң! Жүрөгүм мага айтып жаткан. Көрдүңбү - сен өлбөссүң! Сенин жылдызың ушундай! Мен билген экенмин! Ошон үчүн артыңдан келдим да!

Айланадагылар жандана түшүштү. Сергий эмне дээрин билбей ырсайды - же сүйүнөөрүн, же күлүп куудулдана ыраазычылык билдирип, таазим этсеби - эми колун тартып алаарда Кузьмин аттуу бир жоокер кийлигишти. Ушундай бир тажатма, кыйкымчыл, бирдеме туура эмес болуп калса эле жемелеп жатып калган киши бар эле. Акыл үйрөткөндү абдан жакшы көрчү.

- Токто, токто, сыганым, сен эмне, кымбаттуум, - ал башын чечкиндүү чайкады. - Сен эмне деп тантып жатасың? Өлбөс дегениң кандай? Бирөө-жарым өлбөс боло алабы деги? Мындайды ким угуптур? Жер бетинде баары ажалдуу - анан бир гана бул өлбөспү? Биз керек болсо, бир жакка эмес согушка жөнөп баратабыз жана ким билет кандай болоорун, кимге ок тиет, кимге тийбейт? Азыр согушта ажал кимге эмне төлгө ачылган деп ылгабайт. Баарын бирдей чалгы менен шыпырат. Биздин башыбызды айлантып эмне кереги бар?

- Айланткан жокмун, мен тагдырды билем. Ал эми мунун жылдызы өлбөс! Маңдайына ошентип жазылган, - деп сыган аял моюн бербеди. Көпчүлүктү ынандырган, бирок анча түшүнүксүз нерсени кошумчалады: - Тагдыр деген ажалдан жогору турат. Тагдырдан тагдыр уланат, ал эми ажалдын артында эч нерсе жок. Бул жигиттин жылдызы тагдырдан өлбөс!..

Кузьмин дагы көпкө чейин күңкүлдөп, митингде жүргөнсүп колдорун жаңсап, сыгандын төлгөсү сандырак экенин далилдеп жатты, анын туура экенине карабастан жоокерлер эмнегедир төлгөчүгө ишеништи. Алтургай вагондорго тароого убакыт келип жеткенде көбү аны менен кол алышып коштошушту, ал да жөнөгөнчө перрондон кеткен жок, поезд жылганда башка аялдар менен балдарга кошулуп, вагондун артынан чуркап, Сергийге кол булгалап жатты...

Күн ысык болду. Ал түнү уктай албады. Дөңгөлөктөр караңгыда тарсылдайт, паровоз созолонуп гүүлдөйт, куса жана коркунуч жүрөктү өйүйт. Тарыхтын толкуну дүйнөлүк согушка алып бараткан Сергий ар кайсыны ойлонду. Башка ойлордун арасында ал улам жанагы сыган аялды эстеп жатты. "Кан чачырабаган күн гана калат... чабандеси жок ат үркүп качат..." деп айтканы эсинде калыптыр. Бул эмне дегени? Түшүнүксүз жана табышмактуу. Кан чачырабаган күн гана калышы үчүн эмне болуш керек? Чабандеси жок ат качышы үчүнчү? Ал эми өлбөс жылдызчы? Ал эмне болгон жылдыз? Кайда ал? Мунун баары жөн эле жомок болсо керек. Адамга жылдыздын кандай тиешеси бар? Жылдыздар кайда - адам кайда. Бирок тагдыр бар да. Тагдыр тагдыр менен байланыштуу. Тагдыр деген эмне? Кантип эле тагдырдан тагдыр улансын?

Дөңгөлөктөр темир жолдо такылдашат. Жоокерлер коңурук тартып уктап жатышат. Ай каалганын жылчыгынан бир көрүнүп, бирде жоголот, жылдыздар поезддин ыргагында жылтылдашат...

Бирок мына кызык - сыган аял Наташка-коминтерка жөнүндө, ага кат жазганын, бирок эч майнап чыкпаганын кантип билип койду? Кантип айтты ал, ошол сыган аял? Курулай кайгы? Демек, кайгы да курулай болот экен да. Алдыда эмне күтөт? Согушта кандай болот? Албетте коркунучтуу. Саратовго согуштан жарадар болуп келгендер согуш жөнүндө айтып беришкен. Эми анын кандай экенин өз көзү менен көрүүгө туура келет...

Уйкусу келбеди. Анан кайрадан ал баарын жана ар бирин башкарган тагдыр деп аталган кандайдыр бир күч бар деп ойлоду. Аны эч ким токтото да, түшүндүрө да албайт.

Согуш да - тагдырдан болсо керек, жашайсыңбы же жашабайсыңбы, жеңесиңби же жеңилесиңби - бу да болсо тагдырдан го. Мына, баарысы тагдырдын буйругу менен согушка баратышпайбы. Ошондуктан алар азыр эшелондо жатышат жана поезд аларды фашисттер менен согуш күчөгөн жерге зымырап алып баратат. Ал жакта кандай болот? Дагы да болсо тагдыр! Өлтүрүшөбү же өлтүрүшпөйбү? Жана ким кимди жеңээри ушуга байланыштуу. Ооба, ким кимди өлтүргөнүнө жараша. Баардыгы тезирээк эле согуш бүтсө экен, ачарчылык болбосо экен деп тилешет. Бул жөнүндө алар көчөдө басып баратышканда аялдар, алтургай балдар да кыйкырышты. Ал үчүн согушуш керек, жеңиш керек.

Демек, ошондой. Үйдө атасы менен энеси бул туурасында талашып-тартышышат. Ага чакыруу кагазы келип, анан алар аны талкуулап, аны жолго камынтып жатышканда энеси бир убакта олтургучтун четине отура калып, колдорун көкүрөгүнө алып:

"Сережка, эч кимди өлтүрө көрбө, кан төкпө!" деди жалооруй.

Ага эмне болду? Кокустанбы же көпкө ойлондубу? Анын, энесинин жүзүнө тигилип туруп, азыр эле алыс бир жактан келип босогону жаңы гана аттагансып, жолду катар ойлогонун айткансып бул сөздөрдү айтканын ал эч качан унуткан жок, өмүр бою эстеп калды. Ал өзү да энесин өмүрүндө биринчи жолу көрүп жаткандай болду, анын мурдагы алтын сымал нуру өчкөн көздөрү кандай экенин, анын бырыш баскан бети кандай экенин ал өзүнүн эски сатин халаты менен, ийиндериндеги жүн жоолугу менен кандай картаң экенин көрдү. Ал өзү үчүн таң калыштуу ачылыш жасады, демек, алардын Волга боюндагы мунай өндүрүштөрүндөгү көчмөн жашоосунун жылдарында, ал али жылаңайлак бала бойдон жүгүрүп жүргөн кезде, ал болсо, энеси, сары чачын башына таажы сымал ороп алган толук аял кезинде, бүтпөгөн үй жумуштары менен алпурушуп, балдарынын, күйөөсүнүн диабетинин түйшүгүн тартып жүргөн кезде, ушул жылдары аны аскерге жөнөтүп жатып айтканын ага айтууга камынып жүргөн тура. Энесинин согуштан эч кимди өлтүрбө, кан төкпө деген өтүнүчү ошондо аны абдан апкаарыткан жана ал өзүнчө эптеп күбүрөнгөн:

- Койсоңчу, апа! Бул жөнүндө айтып эмне кереги бар? Мен аскерде болом да. - Анан сөздөн кутулуу үчүн чакан шкафтагы окуу китептерин жыйнаштырууга киришкен. - Апа, бул жерде китепканадан алган китептерим бар. Мен бөлүп коёюн, Вероника алып барып тапшырып койсун.

Бирок ал сөз андан ары уланды, анткени атасы аралашты. Ооба, Николай Иванович дайыма бетке чабар жана орой болчу, тез ачуусу келчү, болоор-болбос нерсеге эле туталанып уруша кетчү, мүмкүн ошон үчүн башкаруучулар менен тил табыша алчу эмес чыгаар, боору да оорукчан эле.

- Өлтүрбө дегениң кандай? - Кыйкырды ал кыжыры кайнап. - Өлтүрбө, кан төкпө дегениң эмнең? Мына сага! Ал кайда баратат? Согушка эмеспи. Кээде айтат деп эле айта бересиң да, энеси, - анан бөлмөнү тинтип, тамеки издей баштады. Ал дайыма толкунданганда тамеки чеккиси келчү, ошондуктан энеси катып коёр эле. Энеси ал тамекинин айынан ушундай арык жана калчылдак болуп калды деп айтчу.

- Тамеки чеге көрбө, Коля, - деп жалынды ал. - Өзүңдү аячы.

- Ооба, сенин Сережага айткан сөзүңдөн кийин кантип чекпей коём. Ал эртең согушка аттанат. Анан ал жакта ал эмне кылат?

- Мына ошондуктан айтып жатам. Кудай өзү таразаласын. Баары эле какшап жатышат: Өлтүр, өлтүр! Душмандар бизге ажал алып келатышат, биз аларга! Анан дүйнөдө кантип жашайбыз. Жер бетинде жалаң киши өлтүргүчтөр калабы? Мени эмне түшүнбөйт дейсиңби - сен өлтүрбөсөң сени өлтүрүшөт. Өлтүрсөң - баары бир киши өлтүргүчсүң. А биздин күйөө балабыз, Анатолий эмне болду? Өлүүбү же тирүүбү, же аны өлтүрүштүбү же ал өлтүрдүбү? Вероникага айткандан да корком. Жок дегенде, жүрөгүмдөгүнү уулума айтып калайын, - анан апасы үн чыгарбай, жооп да таба албай, өзүн айнытууга да алы келбей, акырын ыйлап жатты.

- Мына-мына, - деп жемелөөсүн улантты атасы. - Сени мындай үгүттөгөнүң үчүн эл душманы атап, Сибирге айдашат. Бу жерде дүйнөлүк согуш жүрүп жатат, кимди ким жеңет, же биз же бизди, а сен өлтүрбө! Мен өз уулумду аябайт деп ойлойсуң го? Же биздин Анатолийди? Бирок башка айла барбы? Жоокер өз жерин коргойт, буйрук алган. Эгер жоокер душманды жок кылса, эгер өлтүрсө демек, буйрук боюнча, милдет боюнча, жана анын баатырдыгы ушунда!

Энеси уулунун буюм салынуучу баштыгын жамачылоо менен алектенип унчукпады, атасы болсо жаш кезин, азыр Сергей өңдүү он тогуз жашында биринчи дүйнөлүк согуш учурунда суу алдында сүзүүчү кемеде моряк болгонун эскере баштады. Анын ой толгоолорунун мазмуну душмандын адам күчүн жок кылуу - бул согуштагы эң негизги иш. Мына, мисалы алар өздөрүнүн суу астында жүрүүчү кемеси менен Балтика деңизиндеги аскерлери менен аскердик-унаа кемесин чөктүрүшкөн. Алгач көпкө суу алдында артынан сүзүп олтурушту. Андан соң торпеда менен аткылашты. Эки снаряд тең таамай, ватерлиниянын капталына тийди. Кеме өрттөнүп, чөгө баштады. Алар суу алдында жүрүүчү кемесинде терең кетип калышты, бир саат күтүп, андан кийин кайрадан өйдө көтөрүлүштү жана суунун үстүндө болуп жаткандарды перископ менен байкап турушту. Маңдайкы бөлүгү асманды караган чоң кеме жарым-жартылай сууга чөккөн, а айланасында көптөгөн кишилер али жанталашып сүзүп чыгууга жан далбас кылып жатышты.

Албетте, перископту командачылар менен офицерлер гана карап жатышты, алардын сөздөрүн ар бир мүнөт сайын байланышчылар ставкага, Кронштадка маалымдап жатышты, аскердик тапшырманын ийгиликтүү аткарылышы жөнүндө маалыматты Морзе азбукасы менен терип жатышты, ал эми тапшырма - бул буйрук. Душманды жок кылуу боюнча буйрук - жана бүттү!

Адегенде адамдардын чөгүп жатышканын перископтон эле карап турушту. Андан соң душмандын кемеси чөккөндө, айланада кемеге эч кандай коркунуч жок экенине көздөрү жеткенде суунун үстүнө толугу менен сүзүп чыгышты. Анан баары, экипаж бүт бойдон кеменин үстүнө командачынын алдында алкыш угуу үчүн тизилсин деген буйрук болду. Айланада душмандар чөгүп жатты, алар абдан эле аз калган. Кээ бирөөлөрү суу астында жүрүүчү кемеге сүзүп жетүүгө аракеттеништи бирок жете алышпады, ал эми сүзүп жеткендерди тапанча менен таамай атып өлтүрүштү.

Согуш деген мына ушундай. Согушта өлтүргөн жеңет, ким жеңсе - ошонуку туура. Дайыма ушундай болгон жана боло берет.

Энеси талашкан да, сөз кайтарып айтышкан да жок. Башын гана чайкады. Анан кошуналары коштошкону киришти, таежеси жээндери менен келди. Жумушунан Вероника чуркап келип, энесине үй жумуштарына жардамдаша баштады. Түн ортосуна чейин сүйлөшүп олтурушту.

Ата-энесин аяды - атасын да, энесин да. Энеси ал эч кимди өлтүрбөсө экен деди, атасы болсо аны өлтүрүшпөсө экен деди, ошондуктан душмандарды өлтүр деп талап койду. Мурда үйдөгү көнүмүш нерсенин баары жолду катар баалуу болуп, жоготуунун жүрөк өйүткөн оорусуна айланды. Өткөн жашоосу ар бир мүнөт сайын алыстап, артта калып баратты. Саратов тайпак тоосунун алдындагы Волга эсине түштү. Жайкы сүйүктүү жайлары, жашыл арчалар жана жылтылдаган сыйкырдуу дарыя, анын үстүндөгү парустар. Бирок Сергейди бала кезинен дарыя үстүндөгү чоң темир жол көпүрөсү өзүнө тартчу. Көпүрө абдан бийик эле, ылдый жакта жээкте туруп алып көпкө чейин, анын үстүнөн өтүп жаткан поезддерге суктанып кароо, дөңгөлөктөрдүн дүңгүрөгөн добушун тыңшоо үчүн башты артка чалкалатыш керек эле. Көпүрөнүн темир тиректери калдырап титиречү жана ал ошол мүнөттөрдө Волганын үстүндөгү көпүрө аркылуу бир жактарга, китептерде сүрөттөлгөн укмуш өлкөлөргө кетип бараткандарга суктанаар эле...

Дагы балачагынан жаңы жыл түнү алар бүт үй-бүлөсү менен чокойлорду кийип алышып, кардуу талааны аралап жалындаган шаманасы бар бийик морго барышканы эсине түштү. Жандуу от, чачыраган оттун үстүнө жаап жаткан бүтпөс жандуу кар. От үнсүз карларды жутуп жатат, кар болсо отту сүйө, алыстоого алы келбей, калыңдап жаай берди, жаай берди... От да өчпөдү, кар да токточудай эмес...

Жылдар өтүп, көп нерсе артта калды, өзгөрдү. Мына эми согуш - өлтүрүү же өлтүрүлүү зарылчылыгы. Кээде башка арга да жок, ушундай гана. Сергий энесин, атасын, Вероника эжесин эстеп, караңгыда үн чыгарбай ыйлап жатты, уктап жаткан жоокерлердин арасында жашынып ыйлап жатты. Кайрадан кол кармашып, кардуу талааны кечип, асманда бүлбүлдөгөн отко баргысы келди.

Дөңгөлөктөр болсо рельстерге урунуп тарсылдап, вагон жүгүрүп бараткан ыргагында термелди. Кандайдыр бир чакан бекеттер түнкү отторун жылтыратып четте калып жатышты. Жоокерлер менен курал-жаракка шыкалган эшелон өлтүрүү же өлүм күтүп турган, ошол жактарга шашып баратты. Өлүм сенин эркиңе баш ийбейт, эч ким өлтүрүлүүгө шашылбайт жана дал аны өлтүрүшөбү эч ким билбейт. Өлтүрүү - эрктин иши, ал эми согушта - милдеттүү, шексиз иш. Ошентсе да, өзүңө кантип айтасың: өлтүрүүбү же өлтүрбөөбү?

Дөңгөлөктөр да ашташкан жерде такылдап жатышты: өлтүрүү-өлтүрбөө, өлтүрүү-өлтүрбөө, өлтүрүү-өлтүрбөө...

Кирпиктери сууланыша акырын үргүлөп баратып Сергий согушту, салгылашууларды, кимди жана кантип өлтүрөөрүн - атыппы же күрөшүппү элестетүүгө аракеттенди, буга аны жай бою Волга жээгинде үйрөтүшкөн. Дал ошол нерселерди аны өлтүрүү үчүн ким жасаарын да элестетүүгө аракет жасады. Өзүнө ал душманды - немисти, фашистти элестетүүгө тырышты... Эч майнап чыкпады - атасынын аңгемесиндеги кеменин жанында чөгүп жаткандарды элестетүү кыйын болгондой эле, аны да элестетүү оор эле. Жүздөрүн толкундар жаба берди. Аларды көрө албайсың. Жакын сүзүп келгендерди таамай атып салышты... Анан алар сууга үнсүз чөгүп кетип жатышты.

"Өлтүрүү-өлтүрбөө" - дөңгөлөктөр такылдады. Сергий мектепте окуган немис сөздөрүн эсине түшүрүүгө аракеттенди, бирок немисче: өлтүрүү-өлтүрбөө, өлтүрүү- өлтүрбөө, өлтүрүү-өлтүрбөө, кандай айтылаарын так биле албады...

Поезд караңгыда зымырап кетип баратты...

P.S.

"Өлтүрүү-өлтүрбөө…" аңгемесинин текстин мен Арсен Саманчиндин кагаздарынын арасынан таап алдым. Өзүнүн чыгармасынын жарыяланганын көрүү авторго буйрубаганына мен абдан өкүнөм.

Бирок окурмандар дайыма, автордун тирүү кезинде, ошондой эле ал өлгөндөн кийин, андан да көбүрөөк кала беришет. Арсен Саманчиндин кол дептеринде көрсөтүлгөндөй мен "Өлтүрүү-өлтүрбөөнү…" согуштук көрүстөндөрдө үн чыгарып окуйм.

Мен маркум Арсен Саманчин көп жолу айтып берген Кайып колуктунун чакырыгын угуп жатам! Мен аны менен биргемин...

Элес

Февраль, 2006-ж. Брюссель.
Поделиться
Поделиться