Айгүл ШАРШЕН


"Соoлуган өмүрлөр"


Анда Айнура он алтыдагы ойносо ойунга, күлсө күлкүгө тойбогон кыз. Ата-энеси интеллигент адамдар. Токтосун уул баласы болбосо да алты кызды алпештеп асырап, каалаганын орундатчу. Эсинде Айнуранын, бир жолу да "эркек балам жок" дегенин укпаган: "Кыз бала эмес бекен, кыздарым ар бири бирден жигит ээрчитип келсе, неберелүү кылса, ошол менин бактым" деп жоро-жолдошторунун көзүнчө бакылдап калчу. Алты кызынын ичинен ушу Айнуранын мүнөзү оорураак болуп туруп алды. Ал сиңдилерине же дагы бирөөлөргө таарынганда оронуп жатып алып же үйдөн качып агасынын үйүнө кетип калчу. Токтосун менен Аптакан ага канча жолу акыл насаатын айтып оң жолго салууга аракеттенди. Деги эле классташ кыздарыныкына көп кетчү.

- Кызым, мындай адатыңды таштабасаң болбойт, чоңойуп калдың, кыял-жорук, адат, өнөктөш деген жаман дарт, ушундайыңда эсиңе кел!

- Кыз кишинин ар кимдин үйүнө түнөгөнү уят иш, бизди жаманаттыга калтырба, мындай адат кыз балага душман. - деп жумшак жемелесе да "лам" деп койбой жатып алчу. Дудук эмес, бирок сүйлөчү эмес, сабакты жакшы окучу, Ата-энеси айылда кадыр-барктуу, колунда бар адамдар. Айнура экинчиси, эжеси Азиза күйөөгө тийип, кууп барып келгендер аябай мактап келишти. Жездесинин Сапар деген атын уккан Айнура бир алдын чоочуп алды да:" Эмне экен, андай аттуулар көп да" деп өзүн сооротуп койду. Анткени Сапар деген жигитти таанычу, жолукканда Айнуранын колун кыса кармап ар дайым сылык учурашып кез-кез мектептен кыздарга чакыртып бир топко сүйлөшүп туруп калаар эле. Айнура аны тымызын ичинен жактырып: "мени сүйөт, сөзсүз сүйөт" деп аны өзүнө энчилеп алган...

Арадан бир топ күн өтүп, ата-эне өз милдетинен кутулуу үчүн Азизанын себин, көшөгөсүн алып жөнөп калышты. Айнура, апасы сиңдиси, жеңеси болуп куданын эшигине түшкөндө күтүп турган кудалар тарап тосуп алышып, аларды конок үйгө киргизишти. Айнура эжеси менен сүйлөшүп отурганда тигил үйдөгүлөр:

- Кудагый, күйөө баланы алып келебиз, көрүндүк?! - деп чуулдап калышты. Жездесин көрүүгө ашыгып отурган Айнура дароо конок үйгө кирип апасынын жанына отура бергенде босогодон эңкейип кирип келе жаткан Сапарды көргөн кыз делдейе үн-сөзсүз өңү бозоро отуруп калды. Айланасындагылардын бир сөзү кулагына кирбей нес болуп: "Көрсө мен жаңылган экенмин да, экөө сүйлөшүп турган тура.." Сапарды бир көрүп эле сүйгөн эле да, кан-жаны менен берилип сүйгөн, анда анын балалык сезими ушул жарык жашоодо, жалган дүйнөдө сүйүү, көңүл калуу, арман, кайгы эриш-аркак болуп, өлүм менен аяктаарын сезген эмес эле. Турмушта ачуу-таттуу адам баласын коштой жүрөөрүн туйбаган... ой-санаасыз секелек болчу:...

- Күйөө балага көрүндүк, - бир келин шыпылдай анын жанында жүрдү.

- Көрүндүктү өзүң эле жеке албай бизге да ооз тийгиз! - деп бири тиги келинге тийиштик кылды эле, ал ага жооп кылып шакылдады:

- Кайнилердин көрүндүгүн бөлүшүп жүргөндөй доолашасың да, - ал келин Аптакан берген көрүндүктү алып көзүн кыса чыгып кетти.

Айнура нес болгон тейде мелтиреп отура берди. Сиңдиси болсо Азизаны ээрчип кирип-чыгып ойноп жүрөт: "Шүмшүктөр, сүйлөшүп жүргөн тура, мен кантип билбей калдым?" - деп ой үстүндө чарпылат: "Кызык, Сапар мага сүйөм деп сөз айтпаса, жолугушууга чакырбаса, анда эмне күнөө, мен аны өзүм сүйүп, өзүмө энчилеп алганым туура эмес. Кой, бир тууганым эмеспи, бактылуу болушсун" деп бир ойу айтса, бир ойу: "өмүр бойу мен аны көрүп кантип чыдайм, мен аны чын жүрөгүмдөн сүйгөмүн" деген Айнуранын алсыз жүрөгү көпөлөктөй дирилдеп-дирилдеп, бул дүйнө ага кызыксыз болуп, жандүйнөсү жанчылып турду.

Айнура эжеси менен коштошпой кете берди. Үйүнө келгенден кийин ар кайсыны шылтоолоп чүмкөнүп жатып алып окууга да барбай койду. Анткени каникул жакындап, окуу жылы аяктаарына аз калган эле.


Ата-энеси болсо анын бул адатын сүйбөй: "Чоңойуп эле калды, ушинтип отурса бизге наалат келтирет го?" дешип тынчсызданып, анын жүрөгүндө дүрбөлөң түшүп, алай-дүлөй, бороон-чапкын жүрүп атканын билбеди. Арадан он күн өткөндө Айнура ата-энесин, туулуп өскөн үйүн, киндик каны тамган айылын таштап, башы оогон жакка кетмей болду. Үйдөн чыгып бир аз узаганда эле жүрөгү "болк" этип алды, карап туруп кайрылып өз уйасынан кетпей койгусу келди, бирок аны кандайдыр бир күч жетелеп туруп алды, кылчак-кылчак карап, кайрылып көрбөөчүдөй көзүнө жаш кылгыды. Тобокел деп артына кайрылбай басып кетти. Ал ошол күнү жөө басып баратты: "Бирөө жарым көрүп калабы?" деп жөө коңшу айылга келди да, автобуска отуруп кете берди. Жеңил ойлоп өз билгенин жасап көнгөн Айнура "сүйүү" деген назик, кол жеткис сезимди түшүнө албай өз тагдырына өзү балта чаап, кайрылгыс болуп, экинчи ата-энесин көрбөй калаарын сезбеди, өз ойунда көктүгү менен болбогон нерсеге адатын карматты да: "Кайрылып келбейм, өзүм сүйгөн адамды өмүр бойу көрүп жүргөнчө көздөн далдаа жоголом" деп өзүнө ант берип баратты... Ал кимди күнөөлөрүн деле билген жок, тек балалык сезиминде "сүйүү" деген нерседен көңүлү калып: "Эмнеге мен сүйүүдөн куру калышым керек, ал мени сүйчү, мүмкүн ал мени сүйүп турса да Азизанын азгырыгына киргендир" деген чолок акылдык кылды да, эжесин жек көрүп ыйлап атты.

Каражыгач айлына келип түшүп калды, аерде ата-энесине тааныш Бакыт деген бар эле, ошонун үйүнө келди түз эле. Анын аялы Чынаркан адегенде Айнураны көрүп анча жактыра бербеди. Үч баласы менен базарга чыгып жан сакташчу. Бирок Айнура аларга кылган иши менен абдан жакты, үн дебей, айттырбай эле үй ичин тазалап, киркогун жууп, балдарын ыйлатпай караганга алар жым эле дей түштү. Ананчы: жумуштан кеч келип, тамак жасап, балдарын тойгузуп, анан аларды жуунтуп кеч жатып, эртеси кайра базарга кетип кыйналып жүргөндө анын келгени буларга майдай эле жакты. Алар менен да чечилип сүйлөшпөйт. Келгенде баары даяр, балдары таптаза, үйлөрү жыйылуу, даяр оокатка тойуп жатып алганга жыргап, Айнураны жакшы көрүп калышты.

Күндөр өтө берди. Бир жолу Бакыттын саан уйу бададан кечигип калганга издеп чыкты. Уйлар келчү тарапты карап кетип атып эки жагын элеңдеп карап, күүгүм кире баштаганда үйдөн алыстап кеткенин көрүп чоочуп, кайра артына кайрылды да жүгүрүп жөнөдү. Бир кезде аны карылуу кол аткый кармаганда бакырып жиберди.

- Эй, эмне, киши көргөн эмесиңби, бакырба! - Марат анын оозун баса калды. - Мен эле, эмне, тааныбай калдыңбы?

- Тааныган-тааныбаганда эмне, бирөө көрсө эмне дейт, кызык экенсиз, аял, бала-чакаңыз болуп туруп, - Айнура бошонуп чыгып кетүүгө жулунду, - Койо бериңиз!

- Койо бербесемчи, аялы бар кишиде жан жок бекен, сени көргөндөн бери аялымды көргүм келбей калды, - Марат ырсалактап күлдү, - бираз туруп турсаң, сүйлөшөлү. - Аны эптеп эл аягы суйула түшкүчө кармап туруп, анан ээн жерде уйпалап, өз мүдөөсүнө жеткиси келип турган.

- Койо бериңиз дейм, сиздин мени менен сүйлөшкүдөй сөзүңүз жок, укпайм дагы!

- Эмнеге, менин ичиме кирип чыктың беле? Сүйлөшкүм, оймоктой болгон оозуңдан соргум келип атсачы?!

- Азыр сизди элдин баарына кыйкырып шерменде кылам, кыздарга тийишкен кандай болоорун ошондо билесиз! - Айнура Марат анын оозун баскыча бакырып жиберди.

- Жап оозуңду, ушул жерге ким көрдү кылып салам, отурасың анан, - колун толгой, оозун бекем басып эми жерге жыгайын дегиче аттын дүбүртү чыгып калды. Атчан алардын дал жанынан өтүп баратып табырап, тумчуга үнү чыгып жаткан дабышты угуп кайрыла калды эле, Марат кызды койо берди. Айнура ордунан туруп ыйлаган бойдон жүгүрүп кетти.

Атчан адам Маратты тааный койду:

- Ээ Марат бу сенсиңби? - таң кала аны карады эле, ал үндөбөстөн, ага көңүл буруп сүйлөшпөй басып кетти.

Чынында Бакыттын деле ойу бузулуп жүргөн. Балканактай болгон ак саргыл, жаңыдан жетилип келаткан балтыркандай солкулдаган жаш кызга көңүлү түшүп, өзүнүн койнундагы арык, кара тору, сүйкүмү жок аялын жээрип, Айнураны жетелеп алып кайдадыр качып кеткиси келчү, бирок кайын-журту бардар болуп, баардык жагынан көтөрмөлөп тургандыктан аялына өйдө карап сүйлөй алчу эмес, баарын Чынаркан өзү билип, өзү койчу. Айнура келгенден бери андан кызганабы же эмне болуп кетет деп шекшинеби, үйгө калтырбай ээрчите кетип, кечинде чогуу келишет.

Бакыт анын шишиген көздөрүн көрүп аяп кетти: "Бир үйдүн түйшүгүн тартканга ыйладыбы, же ата-энесин сагындыбы.. Каникул бүтүп келатат, кетет го бу дагы, кийим-кече алып бериш керек буга дагы" деп ойлоп, аялынын көзүнчө андан эч нерсе сурабады.

Айнура калыбынан жазбай көнүмүш адатынча жумушун жасап жүрө берди. Сыртынан билгизбегени менен, ичи уйгу-туйгу... "Эмне кылып жатышат болду экен, издеп убараланып жатышат го, мейли издесе издесин, эми ал үйдү көрбөйм" деп ойлонуп жүргөн эле. Бир күнү чак түштө күндүн ысыгынан элдин баары көлөкөлөп, көчөдө бирин-серин эле ойногон балдар жүргөн. Айнура балдарды уктатып койуп, өзү бираз сергип алмакка короонун ичиндеги бүтө элек дубалдын ичине эки чака суу көтөрүп кирип, эми кийимин чечип суудан куйунуп, көздөрүн жумуп алып самын сүйкөй баштаган эле. Анткени алардын короосуна бейчеки жан кирчү эмес, ошондуктан беймарал жуунганга киришти. Ошол учурда шырп алдырбай кирип келген Марат аны кыйкырганга үлгүртпөй оозун баса калып, даярдап алган жоолук менен оозун бекем таңып, колдорун кайрыды да, ошол эле жерге баса калды. Киши кирбеген жерде өскөн чөп-чардын денесине өткөнүнө карабай алсыз кызды уйпалап өз максатына жеткенден кийин:

- Кечирип кой, мен сени кыз эмес экен деп жүргөм, мен сени алам, сөзсүз сени менен каалаган жагыңа кетем, - деп оозундагы жоолукту чечип кучактайын дегенде Айнура аны түртүп жиберди:

- Жогол деп жатам көзүмө көрүнбөй, мен сени көргүм да келбейт! - деди да, тескери карап чөп-чар жабышкан жылаңач денесин жууп, кийингенге шашты.

- Укчу Айнура, мен сени жакшы көргөнүмөн ушуга бардым, мен сени менен жашайм кааласың, - Марат чын ниетинен айттыбы же арызданабы деп корктубу, айланчыктап туруп калганда Айнура:

- Азыр сыйың менен жогол эч ким көрө электе, абийириңди төгүп сала электе! - деп ызалуу көздөрүнөн жаш куйула сүйлөгөндө Марат эсин жыйа басып кетти. Айнура ал кеткенден кийин таза сууга жуунуп жатып боздоп да жатты, сүйлөнүп да жатты: "Бетпак, шүмшүк, жүзү кара, адам сымал жырткыч, кызың мендей болуп кордолуп калсын!" Жуунуп бүтүп үйгө кирип жатып алып ыйлай берди, ыйлай берди. Ыйлап жатып көзү көнөктөй болуп шишип, башы ооруп чыккандай: "Кой, тигилер келгиче тамак жасап койойун" деп ойлонуп, ашканага кирди. Аңгыча Бакыт менен Чынара келип калды. Алар Айнуранын түрүн көрүп чоочуп кетишти:

- Айнура, сага эмне болду, бирөө ыза кылдыбы? - Чынара анын жанына келип сураганда, ал эч нерсе болбогондой жылмайа карап жооп берди:

- Эч нерсе болгон жок, уктап калыптырмын, ошонуку го, - анын бул жообу да, жаны кейип, денеси тытылып, бүткөн бойу ооруксунуп, жүзү сумсайыңкы болуп жылмайганы да окшошпой турду.

- Ошондуктан эле болсун, эгер бирөө-жарым капа кылса айт, акесин таанытып койойун, - Бакыт да көөнү жайлана сүйлөдү. Айнура тамакка табити тартпай, дасторконду жыйнай баштаганда Чынаркан аны аяп:

- Жатып эс алчы, кыйналып кеттиң окшойт, өзүм эле жасайм калган ишти, - деди.

- Жок, мен эле жасайм, сиз деле кечке чарчадыңыз да. - Айнура ага болбой баарын жыйнап жыйыштырып, мизилдете шыпырып-тазалап койуп, ордуна жатып өзүнүн буйумдарын даярдап кирди. Ал эртең таң атпай ордунан туруп кетүүгө камынып койуп: "Кандай барам, колумда тыйыным жок кантип шаарга кетем?" деп уйкусу качып жүрөгү сыздап жатты. Эртең менен эрте туруп бутунун учу менен чыгып баратканда Бакыт аны байкай койуп:

- Айнура, кайда жөнөдүң? - деди колундагы пакетти көрө шекший.

- Үйгө кетем, - Ошол учурда Чынаркан да ойгонуп кетип тура калды:

- Айтпай кетип жатканың эмнең, тура тур, - Чынаркан ички үйүнөн беш жүз сом алып чыгып берди. - Бара гой, капа болбо, окууңа керектүүнү алып ал, - деди.

Ал кеткенден кийин түш ченде Айнуранын атасы Токтосун келип калды. Ал Айнуранын бүгүн эле кеткенин угуп аябай кейип алды:

- Анын эмнеге таарынганын билбей башыбыз катты, - Токтосун ойлуу ордунан турду.

- Ээн баштыгынан качса билинет эле, үйдөн чыкпай эле зыңкыйып жүрдү, - Бакыт чын дилинен мактай сүйлөдү.

- Чын эле, чунак кыз эмнеге үйдөн качып силерди убара кылып жатат, билгенде кетирмек эмес экенбиз, - Чынаркан сөзгө аралашты. Анан дасторкон жайып чай койду. Көпкө чейин Айнуранын жакшы жактарын айтып сүйлөшүп отурушту да, Токтосун кеткени сыртка чыкты.

- Бул кыз бир мүнөздүү тура, катуу таарынган окшойт, абдан ойчул, кээде өзүнөн өзү ыйлап көздөрү кызарып калат, батынып сурай албадым. - Узатып чыккан Чынаркан чын ойун айтты.

- Ким билет, түшүнбөй да калдык, энеси ойлонуп атып бүтүп да калды, - Токтосун кечигип келип калганына ичинен кейий алар менен коштошуп чоң жолду көздөй жөнөдү.

Айнура шаарга келип өзүнөн өзү чоочуркай эки жагын карап алды: "Кайда барам, кайда жашайм? Ка-ап, качып чыкканча үйдөн эле асынып өлүп алсам болмок экен. Сапарды көрүп өмүр бойу күйбөй, көздөн далдаа жоголойун дебедимби" деп ойлонуп, автобекеттен ары-бери өткөн жүргүнчүлөрдү көрүп: "Мени тааныгандар көрүп калбасын" деп ары айланып таксисттерден алыстап өтүп баратып Жаш Гвардия көчөсүнө келип калды. Паркта ар кандай курактагы адамдар сейилдеп жүрүшкөнүн көрүп бош скамейка издеп барып отурду. Андан арыраакта бир кыз менен бала өбүшүп эч ким менен иши жок отурушат. Дагы бир жерде селкинчек тепкен жаш балдар, аларды ойнотуп жанында ата-энелери кошо жүрүшөт. Айнура кызыга карап отурганда анын жанына жашы кырктардагы жигит сигарет түтөтүп отуруп калды. Айнура аны карап да койбоду, түпсүз санаанын торунан чыгалбай: "Сен өз жарың менен бактылуу жашоонун кучагында эч нерседен капарсыз гана санаасыз жүрөсүң ээ, менин алсыз чымчыктын жүрөгүндөй жүрөгүмдүн сен үчүн эзилип, сен үчүн ата-эне, бир туугандан кечип чыркырап кордолгонумду сезбедиң... Неге жок дегенде четин билдирип койбодуң экен? Сенин жалооруган көз карашыңды, жакшы мамилеңди мен башкача кабыл алып, мени сүйөт деп өзүмдү сага энчилеп койбодум беле?!" деп кеч кирсе кайда барып түнөөрүн ойлогонго чамасы келбей отура берди. Аны улам карап койуп отурган Касымды карабады. Көздөрүнүн жашы мончоктоп эки бетин жууп жатканын сезбеди.

- Чоң кыз, мынчалык капалуусуң? - Айнура үн чыккан жакка селт эте карап, эсине келе жашын аарчый мостойо Касымды карады, бирок үндөбөдү, - Кечирип кой, чоң кыз, ары-бери өткөндөр сени карап өтүп жатат, көрсө сенин жүрөгүң жаралуу окшойт?

- Ооба... - Айнура ооз учунан ушинтти.

- Жашоо ошондой... - Касым аны карап күлүмсүрөп койду - Мен да бир кезде сендей болгом.

- Кантип? - Айнура таң кала бүтүгүй, кирпиктери узун, капкара көздөрүн жалжылдата суроолуу караганда, Касым анын ушул айыпсыз да, байоо да көздөрүнөн жалтана бутунун башын тиктей сөзүн улантты, - кыздар эле жабыр тартат дейсиңби, эркектердин да жүрөгү ооруп баарынан кечкен кез болот.

- Чынбы?

- Ананчы! - Касым кызды чоочутуп албайын деген кыязда акырын сүйлөдү: - Мен да бир кезде сүйгөнүмдөн ажырап каламбы деп өлгүм келген.

- Ийи да?! - Айнура унчукпай калды. Бул кезде паркта эс алып жүргөндөрдүн аягы суйулуп, кеч кирейин деп калган.

- Квартирада турасыңбы же үйүң барбы?

- Жок... Шаарга биринчи эле келишим, - Айнура чынын айтты, митаамдык жайы жок болчу анын.

- Ой кокуй күн десе, кыз киши болсоң, бараар жериң болбосо жалгыз-жарым жүргөнүң болбойт, мен квартирада турам, бүгүнчө менин эле квартирама барып эс ал, мен суточныйга кетип калам, шаарды билбесең кыйын болот сага.

- Ой ошо кантип болсун, мен азыр квартира же гостиница издейм го... Сиз убара болбой эле койуңуз, андан көрө суточный дегениңиз кайда, жакшылык кылып таап берип койуңуз? - Айнура ага жардам сурап жалооруй карады.

- Анда макул, - Касым ордунан турганда ал да туруп Касымдын соңунан басты. - Атың ким?

- Айнура.

- Жакшы, менин атым Касым, Касым байке десең болот.

- Ийи... - Экөө катар басып көчө бойлоп Павлов көчөсүнө жөнөдү. Аралыгы бир топ болсо да жөө баратышты. Касым аны мейманканага алып келип жайгаштырып койуп, анан өзү батирине кетти. Мейманкананын ээсине: "Бул карындашым болот, бир жума туруп турсун" деп акысын төлөп койуп кетип калды. Айнура негедир өзүнчө толкунданып: "Кызык, ушундай дагы боорукер, жакшы адам болот экен ээ, болбосо менин бир жумага төлөй турган акчам жок эле да" деп таза аппак шейшептүү керебетке жатып алып, же уйкусу келбей ар кайсыны ойлонуп көпкө жатты да, кардынын ачканын сезе сыртка чыга калды эле аны мейманкананын ээси көрө калып:

- Чоң кыз, туалет тигинде, эгер кардың ачса бул жерде ашкана бар, - деди жылмая.

- Рахмат, - Айнура ашкана деп көрсөткөн жакты көздөй басты. Ашканадан тамактанган соң ал кайра кирип жатып, көзү илинип кеткенин сезбе да калды.

Эртең менен аны кечээги кабыл алган аял ойготту, күн көтөрүлүп калыптыр:

- Сени агаң чакырып жатат.

- Азыр... - Айнура кийинип жатып: "Эмнеге келди экен, мейли келсе келер, чыгып жолугайын, мүмкүн жумуш таап берээр?" деген ойдо сыртка чыкты.

- Келиңиз!

- Кандай, жакшы эс алдыңбы, тынч бекен? - Касым аны жылмая карады.

- Жакшы.

- Эмесе кийинип мени менен жүрү, тамактанып алалы, анан эмне кылаарыңды кеңешебиз.

- Макул, - Айнура кирип кетип бат эле чыкты. Экөө ээрчишип жол бойундагы кафеге киришти да тамактанып отурду.

- Касым аке, мен сиздин жакшылыгыңызды кантип актаарымды билбей уялып жатам.

- Койсоңчу, бул эч нерсе эмес, дагы далай сүйлөшөбүз, өзүң жумушка орношуп алсаң анан көрөбүз.

- Жумуш чыгаар бекен? - Айнура ага суроолуу тигилди.

- Эмнеге чыкпайт, чыгат.

- Жакшы болот эле. Дагы жакшы сиз жолугуп калып, түнү бойу паркта отуруп чыкмак экем.

- Оо-ой кокуй десе, паркта жалгыз түндө калсаң анда эле ишиң бүткөнү!

- Ошону айтсаңыз, - Экөө ээрчише басып кобураша жол менен кетип баратты. Айнура жол бойундагы ар кыл элди көрүп көңүлү сергип, шаардын өзүнчө бир жагымдуулугуна магдырап, Касымдын жанында өзүн эркин сезе баштады. Касым аны көзүнүн кыйыгы менен карап койуп, күлкүлүү сөздөрдү сүйлөп, Айнураны алаксытып баратты.

- Сиз.. - Айнура ага карап бир нерсе айткысы келгендей токтоло калды. - Эмнеге сиз да сүйгөнүңүздөн ажырадыңыз эле?

- Аа-аа, - Касым каткыра карады аны. - Ананчы, мен ушундай азап чеккемин, мен өтө эле жеңилминби, же жүрөгүм назик жанмынбы, - ал кайра мостойо калды. - Өлгүм келип жипти мойнума салган кезде менде бир ой пайда болду.. - Касым үнсүз чөнтөгүнө колун сала ойлуу боло калды да, - жүрү, бир жерге отуруп анан сүйлөшөлү, - деп кечээги паркты көздөй арыштады. Айнура үндөбөй анын артынан кете берди. "Кыялдын" жанынан өтүп баратып ал Чүй көчөсү менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишиндеги жол бойундагы аркы-терки көк чөп үстүндө отурган жүдөө адамдарды, мас болуп решеткага жөлөнүп ыргалып чылым чегип турган жапжаш кыз менен жигиттерди көргөндө таң калып атты. Алардан адам кейпи болгон менен жедеп адам сапаты жоголгон талаада түнөп, күнүмдүк гана жашоо менен алектенген келечегинен үмүт үзүп койгон тирүү гана жандар эле алар…

- Аларды карап кереги не, булар жолунан адашып алып баарынан кечип көр тиричиликтин машакатынан кутулгандар, алардын бүгүнкүсү гана бар а эртеңкиси жок! - Касым кайдыгер унчукту.

- Аа-аа, булар ушинтип эле жүрө беришеби, тигил тургандар жапжаш эмелер экен го?

- Жаштар, жаштар… - Касым Айнура көз салган жакты карап койду, - келечегинен үмүт үзүп өздөрүн таштап койгон эмелер да…

- Ийи… - Айнура башка сөз айтпады. Алар бат эле Жаш Гвардия бульварына жетип келди. Бүгүн да ал жерде эс алгандар көп экен, балдарын жетелеген эки жаш, андан ары ойногон санаасыз наристелер. Касым менен Айнура бош скамейкага отуруп бир азга үнсүз бактылуу, эч санаасы жок ойноп жаткан наристелерди карап отуруп калышты.

- Айнура, - Касым анын көздөрүнө тике карап күлүмсүрөдү. - Бул турмушта адам баласы баары өзүм каалагандай болсо деп ойлойт экен, бирок тагдыр буйругунан кача албайт экенбиз… - Касым ойлуу отуруп калды. Ал азыр бир кездеги жандүйнөсү бороондо кайыккан алсыз улактай жүрөгү гана түрсүл кагып өлүмдөн башканы ойлобой калганын көз алдына келтире тунжурай түштү. - Биз ата-энебиз балалуу болбой жүрүп көргөн эгиз балдар элек, - деп баштады баянын. - Мынча болду башынан айтайын…

Арзыбай менен Набаткан бир-бирин жактырып баш кошкон менен он беш жылдай балалуу болушпай зар какшап жүрүштү. Набаткан төрөбөгөн үчүн өзүн күнөөлүү сезип:

- Арзы, мен эми төрөбөй деги калдым, сен экөөбүз ажырашалы, сүйүү да эскирет тура ортодо данакер болбосо, сен аял алып балалуу болгун! - деди эле, Арзы анын сөзүн уккусу жок:

- Сүйүү эскирет деп, эскирсе эбак эле башка аялга кетип калбайт белем, сен кетсең кете бер, сени менен мен ажырашуу ойумда да жок, кудайдын салганын көрөөрмүн… - Ал Набатканга таарынгандай ордунан туруп сыртка чыгып кетти. Кайрылып сөз сүйлөөгө кудурети жетпей Набаткан ордуна катып калды. Ошондон кийин ал ага ажырашуу жөнүндө кеп салбайт, жай турмушта бир-бирин ызааттап, аздектеп жашай беришти. Бир күнү Набаткан түш көрдү, түшүндө жылаңаяк бир чоң жолдо кетип баратса алдынан карыя адам чыгып: "Балам кыйналып калыпсың, бир аз баса түшсөң булак бар, чаңкадың го булактын башында чоң түп алма бар, анын башында кош алма бышып турат, ошону алып алчы!" деп заматта көздө кайым болот, ал андан ары баратып көп узабай эле булакты, чоң түп алманы көрүп кош алманы алат. Кош алма ушунчалык жакшынакай, кыпкызыл экен. Ал эки алманы алып чөнтөгүнө салат да Арзыбайды көздөй жөнөйт. Жетип эле алманы күйөөсүнө көрсөтүп жатканда биринин чирик экенин көрүп ыргытып жиберет. Ошол замат ойгонуп кетет. Түшү көз алдынан кетпей кош алма кайра-кайра көзүнө көрүнгөндөй болуп уйкусу качат: "Бул эмнеси, экөөнү тең кармалап көрүп чөнтөгүнө салганда жакшынакай болуп анан кайра алганда чирип калганы?" деп санаага батып таң аттырат. Бирок бул түшүн Арзыбайга түк айтпады. Көп узабай эле бойуна бүтүп, он ай дегенде эгиз уул төрөйт. Экөө тең балканактай болгон бири-биринен айрып алгыс балдар эле. Бирок Набаткан көргөн түшүн эсинен чыгарбай өз ичинен кудайга жалынып Ашым менен Касымдын өмүрүн тилеп жүрө берди. Балдар билинбей бой жетти, бирок Ашым өтө назик, чыныкчал болуп чоңойду. Экөөнү башка эмес, ата-энеси да ошол Ашымдын арыктыгынан кичирээктигинен таанычу. Ошондой болсо да Ашым абдан шайыр, кыздарга жакын эле…

Экөө он тогузга чыгып ата-эненин кубанычы болуп бир кездеги сансыз санааларын унуткарып көп катары бакыбат жашоонун кучагында. Эмки милдети экөөнү үйлөндүрүп, өз өзүнчө орун очок алдырып бул дүйнөнүн аманат жашоосунан өткүчө ата-энелик милдетинен кутулууну көздөгөн учурда аларды аскерге чакырып калды. Ашымдын бойу пас, салмагы жетпей аскерден калып калды. Касым болсо өзү курдуу балдар менен эки жыл мекенин коргоо үчүн аттанып кетти. Арзыбай менен Набаткан Ашымдын аскерге барбай калганына кубанып үйлөнтүп койууну туура көрүп, ошол эле айылдан жакшы үйбүлөнүн кызына куда түшүп, күз келгенде үйлөнтүп койушту. Касым алыскы Одессадан тынбай кат жазып, түгөйү менен ата-энесине өзүнүн амандыгын билдирип турду. Ашымдын үйлөнгөнүн укканда абдан кубанды да, Ашым менен али көрө элек жеңесине алыстан сүрөтү менен куттуктоо кат жолдоду. Ошентип арадан эки жыл бат эле өтүп, ал аскерден келди. Ал келгенде Ашым бир балалуу болуп калган эле, бирок төшөктө жаткан. Ооруган жери жок, молдо-бакшыга ал кезде чанда гана барышпаса, врачтарга көрүнсө алар билбей ар кайсы дарыны жазып бере беришип, ого бетер эч нерсе жүрөгүнө барбай калды. Набаткан жыйырма эки жыл мурун көргөн түшүн түк эсинен чыгара албай Ашымдын ооруган оорусунун дабасы табылбаганын көрүп коркуп, бир күнү күйөөсүнө айтууну эп көрдү.

- Арзы, мен бир сыр айтайынбы?

- Эмне болгон сыр экен ал? - Арзыбай аны таң кала сурап койду.

- Мен ушул эки уулубуз бойума болоордо түш көргөн элем.

- Кандай түш?

- Түшүмдө эки кош алманын бири чирик болуп калат, мен аны ыргытып жиберген элем.

- Койчу, чын элеби? - Арзыбай ойлуу жер карап бир топко үнсүз отурду да, - бул түш мага да кирген эле да!

- Ыраспы? - Набаткан таң калганынан элейе күйөөсүн карап отуруп калды.

- Эми эмне кылабыз?

- Билбейм…

- Анда мындай, экөөбүз ошол булак менен алманы таап сөзсүз ага Ашым менен Касымды алып баралы.

- Барса баралык, бирок кайдан табабыз, түшүбүздө көргөн эмени? - Набаткан күйөөсүн үмүттүү карады.

- Адегенде мен издейин, анан… - Арзыбай үңкүйө жооп берди. Чынында ал деле аян менен көргөн булакты табуу кыйын экенин сезип турду. Бирок үмүт деген алга жетелеп уулунун жанын аман алып калуунун амалын ойлоп, далбас кылганы эле…

Ошол түнү алар кайрадан түш көрдү. Эшигинин алдында өздөрү үйлөнүп түтүн булатканда тиккен терек, мөмө-жемиштер дүңгүрөп турган учуру. Ошол мөмөлөрү гүлдөп шагы ийилген мөмөлүү даракта эки куш конуп турат, бири кулпунуп бутактан бутакка конуп сайрап жатат, бири өтө жүдөө, канаттары шалпайып башын төш жүнүнө катып үрпөйүп отурат. Набаткан колуна жерден таш алып баягыларды учурмак болгондо баягы карыя көрүнүп: "Кой аларды учурба, ансыз да бири биротоло учуп кетээрине аз калды, силер убара болбогула, тигил сайрап жаткан кушту туурунан козгобой жакшы асырагыла!" - деди да көздөн кайым болду. Чоочуп ойгонгон Набаткан бир азга ойлуу жатып ордунан туруп эшикке чыкты. Таңга маалкы сыдырым жел көөнүн сергите кайра үйгө кирип келатып: "Капырай, бул эмнеси? Деги уулум аман-эсен айыгып кетсе экен", - деген ойдо келин-уулу жаткан бөлмөгө баш бакса жарык өчпөптүр. Кирип барса Ашым башын өйдө көтөрүп:

- Апа, эмнеге уктабай жүрөсүң? - деди алсыз.

- Эшикке чыккам садага, сени тынч уктап жатабы деп эле кире калдым, уйкуң тынч элеби?

- Кайдан апаке, мен болбой калдым окшойт. Атам экөөңөргө тең таарынычым жок, балалык кылып шагыңарды сындырсам кечиргиле… - деп улутунуп алды Ашым.

- Ок, антип айтпайт каралдым, ооруган ооруң болбосо бир аз алсызданганга эле өзүңдү санаага алдыра бербе уулум, сакайып кетесиң, жок жорукту баштабай жүр! - эне ушинткен менен көзүнө жаш тегерене жүрөгү зырп этип сайгылашып алды.

- Апа, келиниңерди көп кармабай эле азаттык бергиле да балдарды алып калгыла! - Ашым апасынын сөзүн кулак сыртынан кетире сүйлөп жатты, - төрөлүү болгон соң өлүм ар бир башта бар, канчалык менин көңүлүмө караганыңар менен акыры мойун сунбай койууга болбосун билесиңер да. Канбүнүн бойундагысы кыз болсо атын Сүйдүмкан койгула апа, Касым менен коштошуу мага кыйын болоор… Ошентсе да атам экөөңө айтаар керээзим бар…

- Ботом, кайдагы жаман жорукту баштап, жаман ойду ойлоп атасың, - эне жүрөгү сыздап уулунун жанына отура калып колдорун кармап чекесинен сүйө каңырыгы түтөп кетти.

- Апаке, мен бүгүн бул жарыкчылык менен коштошом, эртерээк туруп эки жагыңарды жыйнап алгыла! - Ашым токтоо көп жашаган адамдай сүйлөп жатты.

- Каралдым, кара көзүмдүн бири, анте көрбө… - эненин мууну бошоп кетти, - Мен атаңды ойготойунчу - деп өздөрү жаткан бөлмөгө кирсе Арзыбай эбак туруп сыртка чыгып кеткен экен, ойу онго санаасы санга бөлүнгөн Набаткан төшөнчүлөрүн жыйып болуп кайра эшикке чыкса күйөөсү кирип келатыптыр, аны көрүп бирдеме дейин деп оозун таптап бараткан, аны Арзыбай колун көтөрө басты да уул-келини жаткан бөлмөгө кирип кетти: "Түндө мен көргөн түштү бул да көрсө керек, айланайын жараткан, бу не деген аяның эле?.." эне Касымдын бөлмөсүнө баш багып аны ойготту.

- Турчу балам, Ашым чакырып жатат!

- Эмнеге, мени эмне кылат экен? - уйкулуу көздөрүн жүлжүйтө карылуу колдорун жууркандан чыгара керилип койду. - Бир аз уктап алайын, таң жаңы атып бараткан го, мынча эрте ойготуп жатасыз?

- Уулум, Ашымың сага бирдеме айтат элем дейт…

- Анан деле айтат да, - Касым кайра жаздыкка башын койгондо Набаткан анын төшөгүн сыйра катуу булкту, көздөрүндө мөлт эткен жаш, ошону көрсөткүсү келбей жатса аны уулу түшүнбөгөнгө ызалуу үн катты:

- Кагылайыным ай, бала болуп кетесиң да, турсаң боло?!

Касым апасынын көзүндөгү жашты көрө селдейе калды да шаша-буша ордунан туруп кийинип чыгып кетти.

Ашым ошол күнү түш оой жакшынакай эле сүйлөшүп ата-энеси, түгөйү, жубайы менен коштошуп анан көшүлүп уйкуга кирген бойдон кете берди, ажалга арга жок тура деп ата-энеси менен Касымдын күйүтү күч болуп аргасыз ажырап кала беришти.

Убакыт деген учкан куштай токтолбой өтүп, аңгыча Ашымдын ашын да беришти. Канбү ай-күнүнө жетип экинчи уулун төрөдү, өлгөндөн калган керез дешип атын Керээз койушту.

Касым түгөйүнөн айрылып күнү-түнү ыйлады, боздоду, бирок аны токтолбой өтүп жаткан мезгил дарылады. Анткени ал өздөрүнөн үч-төрт үй арыдагы Бообек дегендин Аккайың деген кызын жактырып калып күндөп-түндөп уйкудан безип артынан жүгүрүп жүрүп ага аруу сүйүүсүн арнап акыры ансыз жашоого мүмкүн болбой калды. Эчен-эчен айлуу түндөрдө колтукташкан эки жаш махабатка магдырап сыйкырдуу сүйүүнүн кулу болуп бири-бирисиз өткөн күн супсак болуп бактыларын бирөө уурдап кетчүдөй бөлүнүү кыйындыкка туруп, эми эле бир жуп болуп алууга даярдана бактылуу, кечтерди өткөрүп жатты. Акыры Касым атасына айтып кеңешүүнү ойлоп үйүнө алып учуп барса, атасы жок экен.

- Апа, атам кайда кетти? - Касым апасынан сурады эле:

- Таң, дагы бир жерде теңтуштары менен кобурашып жүрсө керек, - деди уулуна, - Эмне болду садага, мынча шашкалактап?

- Кеңешейин деген элем.

- Эмнени уулум, мага деле айта бер, - Эне уулун күлүмсүрөй карады.

- Мм… жөн эле.

- Өзүң бил балам, атаң менен кеңешсең кеңеше гой, келип калаар, - Эне өз жумуш менен алектене кетти.

Касым өзүнүн өрөпкүгөн жүрөгүн баса: "Эртең менен деле айтаармын, каршы болбойт, үйлөнүүгө камыныш керек!" деп ойлонуп жатып калды. Эртеси Касым өз ойун айтууну көздөп таң эрте туруп сөрүдө отурган атасынын жанына келгенде ал озуна минтти:

- Отур уулум, мен сени менен кеңешейин деп турам, - дегенде ал: "Мени үйлөн дейт го, анда сөзсүз Аккайыңды айтам" деп ойлонуп ичинен толкунданып алды.

- Мен дагы сиз менен… - Касым атасын мулуңдай карап отуруп кулак түрдү, - Айта бериңиз.

- Уулум, мына жашың жыйырма бешке чыкты, эр азамат болдуң, тагдыр экен, зарлап жүрүп экөөңдү көрдүк эле… - Арызбай карыя каңырыгы түтөй үнү каргылдана Ашымды эстеп бир аз отурду да, анан, - Сен менин айтканым менен болоорсуң дейм? - деп уулун сынай, суроолуу карап калды.

- Сиздин айтканыңызга каршы туруп жинди болуптурмунбу.

Касым эч нерсе ойунда жок айтты.

- Анда мындай уулум, мына Ашымдын өлгөнүнө эки жыл болду, балдары ойноп жүрөт, Канбүбү жаман келин эмес, эки баланы башкага кор кылбай өзүң эле ата бол!

- Эмне-е? - Касым каңырыш угуп калдымбы дегендей делдейе атасын карап калды, - Эмне дедиңиз?

- Ошондой уулум, "агасы өлсө, ини бар" - деген кеп бар. Ашым кайсы, сен кайсы, бир энеден бир убакта төрөлгөнсүңөр, анын ордун басышың керек!

- Ошо кантип болсун ата, мен сизден мындай сөз күткөн эмесмин, ырас Ашым экөөбүз бир убакта төрөлгөнбүз, бирок менин сүйлөшкөн кызым бар да?! - Ушул учурда Касымдын өңү бозоруп, көзүнө жаш тегерене түштү.

- Эмнени уксаң ошол уулум, мени атам десең Канбүгө үйлөнөсүң, эмки жумада никеңерди кыйдырам! - Арзыбай ордунан туруп кетти. Ата-баланын сөзүн жаңы эле туруп ажатканага жөнөп босогодо бутун кийип жаткан Канбүбү угуп алып, турган ордунда катып калды: "Кызык, атам мени Касымга алып бергени жүргөн тура, ага ал болбос, Аккайың атына жараша аккайыңдай буралган сулуу кыз эмеспи, мени ага алмаштырбайт го, а менчи?" Канбүбү сыртка чыга албай же кайра үйгө кирип кете албай босогодо телмирип туруп калды: "Ашым экөө койондой окшош, чын эле ал кайсы бул кайсы, экөө эгиз болгон соң айрымасы жок эмеспи, анын үстүнө Ашымга караганда ал мүчөлүү, ден-соолугу таза, менин күйөөм болсо деп кыз-келиндер эңсегендей эле жигит" деп ойлонуп алды да, эч нерсе укпаган, билбеген киши боло ажаткананы көздөй басты. Эмеле уккан сөз жанына тынчтык бербей улам кулагына угулуп алагдылана берди: "Касым өзү чечсин, мага баары бир, балдарым үчүн эмне десе көнөм, бирок угуп-билип туруп тоскоол болгонум болбойт го?" өлгүчө бүтпөгөн түйшүк аны кайрадан кучагына алып ойлогондо ойлоп ичинен тынып калды.

Касым атасынын сөзүнөн кийин эмне кылаарын билбей айласы куруп тээ төмөн карай өзөндөгү суу жээгин көздөй жөнөп баратып кайра артына бурулду: "Эмне болуп турам, балким каршы туруп албайм десем албай койом да, айтканынан кайтпайт, кебин укпай койсом атамы эл алдында сындырып койормун, жалгыз баласынан шагы сынып калса кантет, анын тилин алып тагдырыма көнүп берсем Аккайың намысынан өлүп калсачы, же ага түшүндүрүп айтсам бекен? Жо-жок, андан көрө аны алып туруп, таптакыр дайынымы билдирбей качып кетсем бекен?" деп ар кайсы ойду ойлонуп короодо басып жүрдү: "Мен эркекмин, ошондуктан эч жанга билгизбей өлүгүм табылгыс болуп кеткеним туурадыр же.." деп жүрөгү сыздап: "Асылым, эртерээк эле баш кошуп алалычы, бир мүнөт сенден бөлүнгүм келбейт, башкага мени алмаштырбайсыңбы?" деп көзүн сүзө караган Акайыңды көз алдына келтире мал сарайга кирди да музоонун жибин алып мойнуна салып асынып алууну ойлоп кайра: "Жок, жок, өлүгүмдү таптырбай жоголойун" деп короодон чыгып жөнөдү.

"Тилеп алган имиш" деп ойунда ата-энесине кекенип алды. "эгер тилеп алганы чын болсо ойума койбойбу, Ашым го өлөөрүн өлдү, эми менден кутулуп тынганы калышкан го?" Жигит ызадан көздөрүнө жаш тегерене кайда, эмнеге кетип жатканы белгисиз бет келди кете берди. "Атам экөө кеңешип анан чечишкен го, булардын менин жүрөгүм менен иши жок. Оо Ашым, түгөйүм менин, сенин бул жарыкчылыкты, аялың менен балдарыңды таштап кеткениң бир азап, сенин койнуңдагы аялыңды ал деп зордогону бир азап болду го, эми мен эмне кылышым керек???" Жүрөгү сыздап туш келди кете берди, азыр ал заматта коймоңдогон кызыл жалын жалмап кетеби, буркан шаркан түшкөн албуут дайра ала салып барып дөңгөч сымал жансыз денесин бир жээкке алып барып таштайбы, баары бир эле. Бет алдын карап баратканы менен ойу алда кайда, көз алдында бирде Аккайыңдын элеси, бирде жеңеси Канбүбүнүн элеси, жүрөгү муз болуп тоңуп жансыз сөлөкөт гана жылып бараткандай.. Анын ушул кетип жатышын алыстан байкаган Калмат карыя атын темине жетип келип алибеттүү немени колтуктап жээкке чыгарды.

- Ой бала, жинди болдуңбу, бул сууну ойунчук көрүп жатасыңбы, жаныңдан кечтиңби? - Касым көздөрүн ачып-жумуп араң эсине келе калса кийими бүт суу, калчылдап калыптыр. Маңдайында турган карыядан уяла башын жерге салды, "ушу көрөкчө агып кетсем болмок, бул кайдан чыга калды?" деген ойдо тике кароого дити барбай аны жаман көрүп турду.

- Эмне болду сага, бирдемеге капа болдуңбу, - Калмат карыя анын үндөбөгөнүнөн улам дагы суроо берүүдөн чочулап атын отко койуп тушады да, суу жээгинен алысыраак Касымды колтуктап барып көк, чөпкө отурушту. Экөө көпкө унчукпай отургандан кийин Касым башын төмөн салган бойдон үн катты:

- Мени эмнеге токтотуңуз, тим койсоңуз болмок!

- Эмне дейт атаңдын оозун урайындын баласы, эмне болду анчалык жан кечкидей?

- ?…

- Ачууга алдырба балам, ансыз да Арзыбай менен Набаткан Ашым өлгөндөн кийин жаман абалда калышып.. Экөөңдү барбаган доктуру, сыйынбаган мазары калбай жүрүп көрдү эле, сен ата-энеңе тээк болбойсуңбу?!

- Ушундан көрө бизди төрөбөй эле койсо болмок…

- Ок, ал эмне дегениң? - Калмат карыя аны оңурая суроолуу карап: "Бул бала катуу капа болгон экен, мындай эмес эле…" деп үйүнө жеткирүүнү ойлоду, - балам мал коргоого келээр убак болду, намаз да окушум керек эле, жүрү үйгө кетели, мынчалык алыстан жөө кете албайсың, учкаш атка! - Карыя атка мингенде Касым аргасыз артына учкашты, каяша кылууга жарабады, улгайган адамды сыйлады, тартынды. Канчалык өзүн токтоо кармагысы келген менен ойу будуң чаң болуп үйүнө келгенден кийин ата-энесинин жүзүн көргүсү келбеди, алар азыр ага айыгышкан жоосундай сезилип өз бөлмөсүнө кирди да жатып алды. Калмат карыя үйүнө барып кечки намазын окуп болуп анан Арзыгулга жолугууну ойлоду да кеч күүгүмдө баруудан чочулап эртеси эрте келди. Аны көргөн Арзыгул урматтай тосуп алып сөрүгө чыгарды.

- Кел, кел Калмат, бу келчү эмес элең кандай кудай жалгады сени?

- Келип калдым, мал жан, бала чака эсенби?

- Кудайга шүгүр, баары жакшы кемпир дасторкон салып чай алып келчи, Какем келип калыптыр!

- Ооба, ооба алып келбей анан, - Набаткан эне самоордогу чайын алып келип, дасторкон жайып булоолонгон самоордун чайынан сунуп отурду.

- Арзыке, илгертен теңтушпуз, ушу кезге чейин жаман жакшы айтышпадык, сыр сурап алдыңа келген жок элем, Касымды ким капа кылганын билейин дедим эле? - ал Арзыгулду суроолуу карады.

- Эмне болуп капа болуптур? - Арзыгул түшүнө бербей кайра суроо берди.

- Анысын кайдан билейин, кечээ тиги Нарын дайрасын кечип бараткан экен, аз болгондо агып кетмек, ат менен алып чыктым.

- Койчу?! - Арзыгул чоочуп кетти.

- Ошондой болмок, аны өз ойуна кой десем эле болбой ушу сенин кылганың, - Набаткан чыйпылыктап ийди, - бир баламан ажыраганым жетет, эми Касымды өз жайына кой дегем.

- Ошондой экен да… - Арзыгул ата сакалын сыйпап көпкө отуруп калды. Калмат карыя алардан сөз сурабады, тек унчукпай отура берди, "демек бир сыры бар" деген ойдо. Арзыгул карыя болгонун болгондой айтып берди.

- Мен аны жөн гана эки балага өзүң ата бол деген эле жазыгым, илгертеден салт бар эмеспи: "Агасы өлсө ини бар" деген, жесирди кетирбей алып калайын деген эле ой …

- Ошондой болсо да баланы кыйнаган болбойт, балдардын багына мына Набаткан экөөң турасыңар, кор кыла койбойсуңар.

- Туура айланайын, биз өлгүчө алар кор болбойт.

Ошентип алар көпкө кобурашып отуруп күн чыга Калматты узатып чыгышты. Набаткан Касым жаткан бөлмөгө кирсе ал чүмкөнүп жаткан экен. Төшөктү ачып эне баласынын чекесин басып көрсө эти от, жалын болуп ысып атыптыр. Касымды ошол күнү ооруканага алып барышты эле суук тийиптир. Көпкө чейин ооруканада жатып калды.

Арзыгул ата ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры уулуна өзү сүйгөн Аккайыңды алып берүүнү чечти. Канбүбү тойдо кызмат кылып жүрдү. Бир чети ал күйөөсүнө окшоштуруп аны жакшы көрчү эле ошондуктан негедир аны кызганып атты. Бир чети өзүн ага сүйдүрө албаганына, көңүлүн өзүнө бура албаганына ичинен ызаланды.

Турмуш көчү, жашоо агымы ошону менен өз вазыйпасын жүргүзүп, Касым менен Аккайың бактылуу жашоонун кучагында эч нерседен камсанабай эки үйдүн кубанычы болуп жашап эки уул бир кыздуу болушту. Канбүбү болсо ата-энесиникине кеткен, келип-кетип турат. Аккайың өңдүү-түстүү болгону менен жеринен илээнди болуп чыкты. Набаткан эне аны анча жактырбай Канбүнү жерге-сууга тийгизбей мактап, анын тазалыгын айтып Аккайыңды "таза бол" деген менен, тигинин адаты калбады. "Үчтү төрөп койдум, эмне кылып алмак элеңер" дегенсип тоотпой өз билгенин кылат. Бирок анын да өмүрү кыска экен, төртүнчү баласын төрөгөндөн кийин ооруп калып, оо дүйнөгө сапар алды. Касым анын күйүтүн көтөрө албай ичип койчу болду. Арзыгул ата: "минтип жүрө берсе адам катарынан кетип алат, андан көрө эми кайра эле Канбүнү алып берейин, сүйгөнүн деги алып бердим, менде арманы жоктур" деп кемпирине кеңешсе ал макул болбоду:

- Ушу сен жөн жүрсөңчү, "Канбүбү, Канбүнү.." эле дейсиң, аны укса да капа болот, кайгысы тарап өзүнө келгенде башка эле аял алат да, - жактырбай күйөөсүн жемеледи.

- Ой Канбүбү жаман келинби, жакшы үчүн аны колдон чыгарып ийбей өз колубузга келсин деп жатпаймынбы, балдар да бир тууган болуп чогуу өсүп калат эле.

- Ансыз деле балдар чогуу колубузда эмеспи, ушуга каниет кылалычы абышка, баягы бир баланын үнүнө зар болгон убак өтүп, неберенин жытын жыттап ширин тилин угузган аллага ыраазы бололучу.

- Туура байбиче, аның туура дечи, бирок Касымга жамандык кааламак белем, көзүбүз өткүчө көңүлүбүз тынса деген эле ой.

- Кой абышка, карыганда калжаңдабай баланы өз ойуна койолу, азыр ал кайгыга эле мас болуп жүрөт, сүйүү деген ошондой дары экенин жакшы билесиң го? - Набаткан абышкасын мулуңдай карап койду, - Сүйүүнү билбесең бир жөн эле…

- Ошондой де, ээ кемпир ырас эле мен сени катуу сүйгөмүн, болбосо он беш жылдын ичинде канча аял алат элем, ким билет?

- Билсең унчукпа, эми Касымга ал сөзүңдү жаңыртып угузба, убакыт, мезгил уулуңду дарылайт, анан эле өзү үйлөнөт кудай буйруса.

- Макул кемпир койдум, эмнеси болсо да ушул бойдон аракка берилип кетпесе болду.

- Берилбейт этпейт! - Набаткан эне ишенимдүү айтты бул сөзүн.

Бирок Касым убакыттын өтүшү менен ичкенин токтотуп бирок үйлөнүүнү ойлободу. Ар убак Аккайыңдын мүрзөсүнө барып куран окуп көпкө отурат да кайра келет. Эне-ата ичтеринен сызып тим болот. Арадан үч-төрт жыл өтүп улуу уулу төртүнчү класска окуп калды. Арзыгул ата кемпири экөө азырынча күүлүү, балдары аларга жардам берип чоңойгон сайын ички-тышкы жумуштарды колдон алып турат. Касым акыры өзүн алаксытуу үчүн шаарга баса берди. Өзүнүн кесиби бойунча шофер да болуп көрдү, курулушка да иштеди, бирок ойундагыдай келинге жолуга албады. Ал өзү да ким көрүнгөн аял менен болуп кете бергидей эркектерден эмес эле, "кокус көөнүмө жакса дароо үйлөнөм да айылга кетем" деген ойу аткарылбай келет. Бир күнү дал ушул паркта эс алып отурган. Жанына узун бойлуу ак жуумал келин отура кетти.

- Байке бош болсо отура берейинби? - ал күлмүңдөй карады Касымды.

- Отура бериңиз.

- Эмне көңүлсүз отурасыз? - Келин Касымга кайра суроо салды.

- Жөн эле…

- Кайдан болосуз?

- Өзгөндөн, өзүңүзчү?

- Мен Оштон болом. - Экөө ошол бойдон үндөбөй отуруп калышты. Көптөн кийин тиги келин сөз баштады:

- Атым Жамийла, өзүңүз сурайбы десем унчукпайсыз. Таанышып отуралы, атыңыз ким?

- Атым Касым. Бул жакта соода кыласыңбы? - Касым тигинин "унчукпайсыз" деген сөзүнө уяла: "Эркек эмессиңби дегенге тете айтып жатпасын" деп ойлоп ага көңүл бура карады.

- Жок соода кылбайм, күйөөм менен ажырашып эжемкине келгем, зериккенимден биякка келип сизге жолугуп калдым.

- Аа-а зериккенден таанышып жаткансың го, эмне күйөөң иччү беле?

- Жок.

- Анда эмнеге?

- Төрөбөйсүң деп урганынан... Жамийла ушул саам ойлуу боло отуруп калды. Ал чынында калп айтып жаткан эле.

Касымдын турмушунда ошол күнү бир бурулуш болду, ал Жамийланы батирине ээрчитип келди. Экөө аркы-беркини сүйлөшүп отуруп түндү өткөрүштү. Жамийла эртеси, анын эртеси да кетпеди, Касымдын кирин жууп, тамак-ашын даярдап, ал жумуштан келгенде алдынан жайдары тосуп алат. Касым: "Буйруса жакшы аял экен, төрөбөсө мейли, балдарым жок эмес. Айлык тийсе айылга алып кетейин да, кемпир-чалды багайын" деп ойлоп ага ички ойун ачык эле айтты:

- Жамийла, эжеңдин үйүнө барып ачык эле айталы да, айылга кетели.

- Аларга барганда не, мен эмне кыз белем, кийин катташа беребиз, - муну чоочуй сүйлөгөнүн Касым байкабады.

- Макул, сен айткандай эле болсун. - Касым ага чын дили менен ишенип макул болду.

Арадан туура он беш күн өткөндө Касым акысын алып батирге кубанычтуу келди. Анткени айылдык, куулук-шумдукту билбеген ак пейилдүү жигит ушул мүнөттөрдө ага алданып калаарын түк да ойлонбоду. Эки айдан бери ала элек айлыгы менен үнөмдөп чогулткан акчасы жыйырма миңден ашты эле, аны Жамийланын колуна салды:

- Жамиш, эми бул акчанын ээси сенсиң, ата-энеме, балдарга белек-бечкек алалы, экөөбүз кийинели да айылга кирип баралы, кемпир-чал кубанып калсын.

- Макул жаным, сен кандай айтсаң дал ошондой болот! - Жамийла Касымды мойнунан кучактап өөп эркелей кетти. Ал күнү эртеңкинин камын көрүп буйумдарын бууп-түйүп, эрте туруп талчокко баруу үчүн жатып калышты.

Эртеси Касым көзүн ачса, жанында жаткан Жамийла жок: "туалетке кеткен го?" деп ойлонуп бир аз жатса келбеди, анан ордунан туруп эки жакты караса дегеле дайны билинбеди. Чиркин десең, адам баласынын жүзүнөн ички арам ойун сезүү кыйын го, болбосо жадырап жайнап, ичи-койнуна кирип, он жыл чогуу жашаган аялындай берилип киркогун жууп, даамдуулап тамагын жасап турган аялдын колунан ушул жүзү каралык келет деп Касым ойлобогон эле…

Бул кезде ал колуна тийген акчаны алып алып, өз айлына жөнөгөн болчу. Касым анын аты Жамийла экенин билет, кайсы айылдан экени ага белгисиз. Жандүйнөсү эңшерилип, жүрөгү ооруп бир башкача абалда калды. Бир ордуна отура албай же ыйлаарын, же күлөөрүн билбей күлала болуп атты. Же чөнтөктөрүн караса бир сом да калбаптыр. Бир жума жинди болгон немедей батирине бир кирип кайра чыгып жүрө берди. Дагы жакшы, үч-төрт күн мурун алып келип койгон картошка, пияздары, желим бөтөлкөдө майы калыптыр. болбосо эмне кылмак. Издеп табууну ойлоду, кайдан кантип тапмак: "Эжеңкине баралы десем болбогону котур ташы койнунда тура, сени шашпа деп жүргөн экен, ишенчээктигимди карачы! Мүмкүн күйөөсү бала-чакасы бар болуп жүрбөсүн, же мага окшогондордун сазайын ушинтип берип жүргөн эме болду бекен?" Тумандаган ойлордон башы чыңалып чыкты. "Арга канча, кайрадан иштешим керек, бир аз каражат болсо эле айылга кетейин, ата-энем болсо карып баратат, балдар жаш" деген ойдо кайра жумушка кирди. Багына жараша бир чиновниктин особнягын салууга орношту. Өзүнүн да жыгач усталык жайы боло турган. Өзүн-өзү алаксытып жумушка барып келгени менен Жамийланын жоругун унута албай кыйналып жүргөн кезде Айнурага жолугуп отурат.

Касым бул жолу Айнурага анчалык чечилип сырын айтканы менен ишеними аз: "Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды ууртап ичет" дегендей ага жардам берип жумуш издешип акыры бир ашканага идиш жууганга киргизип койду. Ал эми Айнура дагы эле бир сырдуу, чечилип сырын айтпады, Касымдын суроосуна жооп берип койот да, сүйлөбөйт. Арадан эки, үч ай өтүп кетсе да ал суточныйда жашап жүрдү, тапкан акчасы же кийгенине, же баскан-турганына жетпейт. Бир күнү ал ошол эле мейманканада жашаган кыз менен сүйлөшүп отурду:

- Көптөн бери көрүп жүрөм сени, кыйналып эле жүрөсүң го ээ, эгер кааласаң көп акча таба турган жумуш таап берейинби? - деди ал Айнураны сырдуу карап жылмая.

- Ал кандай жумуш экен? - Айнура аны байоо карады.

- Эң жөнөкөй, - ал анын кулагына эңкейе берип шыбырады.

- Койчу, кантип?

- Ушинтип эле, мына мени көрүп жүрөсүң, каалаган тамагымды ичем, каалаганымдай кийинем. Эмне, бир жерим кемип калган жери жок.

- Ойлонуп көрөйүн.. - Айнура башка сөз сүйлөбөй бөлмөсүнө кирип кетти. Жатып алып ары ооналактап, бери ооналактап бир чечимге келе албай жатты: "Эмне экен, бир аз бутка туруп алып анан иштебей койсом болот да, Касым байкеге билгизбешим керек, ал мени карындашын кайтаргандай эле кайтарат" деп аны ойлогондо жылмайып алды: "абдан жакшы адам, болбосо эмне…" деп көз алдына Касымды келтирип кыялдана баштады. Көздөрү капкара, кашы андан бетер, кызылдуу жүзү, жумшак мүнөзү.. Бирок ушул убакка чейин мага бир да тийишип, же жаман сүйлөй элек, мүмкүн мени сынап жүргөндүр?" Канча убакытка чейин жатканын ким билет, аны сырттан кирген бирөө:

- Ой чоң кыз, сени агаң чакырып жатат, - деп калды.

- Азыр, - Айнура чыкканда дарбазанын оозунда Касым турган экен, - Келиңиз, - ага жылмая учурашкан болду.

Кандай Айнура, иштеп жатасыңбы, зерикпедиңби? - Касым аны карай колун сунуп сурап жатты.

- Зериккен деле жокмун, өзүңүз кандай, ишиңиз жакшы элеби?

- Дурус эле, кичине акча алгам, жүрү тамактанып келели.

- Жөн эле койбойсузбу. - Айнура кыйыктанды, бирок анын деле карды ачып турган.

- Бас эми кыйыктанбай эле. - Касым аны ой-бойуна койбой ээрчитип кетти.

Алар кафеге келип бир топко чейин аркы-беркини кобурашып жай тамактанып отурушту. Касым бул кызга үч айдан ашык көз салып бардык жагынан сынап да көрдү. Калыбынан жазбаган анын мүнөзү, бардык убакта бирдей мамиле кылып чечилип сүйлөбөгөнү ал үчүн табышмак болуп туруп алды: "Өзүнчө эле кулпулуу сандыктай сырдуу, кандай кезде ачылып сыр төгөөр экен" деп купуя ойлоп койот. Касым ага: "Менин батиримди көрүп келбейсиңби" деди эле, кыз мойноп койду: "Башка күнү", деп жылмая. Касым тамактангандан кийин аны кайра жеткирип койуп жөнөп кетти. Айнураны көргөн баягы бейтааныш кыз ага карай сүйлөп кирди.

- Охо-оо, калп эле эчтеке билбеген болуп жүргөнсүң го, эки сааттан бери кайда жүрдүң? - Кытмыр күлүп койду, - канткен менен супсулуу жигит экен.

- Ал эмне дегениң, ал менин агам! - Айнура ага жини келе айтып кирип кетти.

- Аа-аа билбепмин, кечирип кой. - Ал ыңгайсыздана туруп калды.

Айнура бөлмөсүнө кирип алып сансыз ойго чөмүлүп ары-бери баса берди: "Касым байке келген сайын булар башкача ойлойт экен да, демек эмне кылышым керек? Же биротоло сойкуга айланайын же анын жетегине көнүп жүрү десе тамагын ичип жүрө бербей ага турмушка чыгышым керек!" деген чечимге келди. Ал ошенткен менен ар кайсыны ойлоп түнү бойу кирпик какпай чыкты. Аны алдыда кандай нерсе күтүп турганын сезсе гана, азыр анын бет алдында эки жол турат, кайсы жолго түшсө жакшы болоорун билбей башы катты: "Эмне ал өзү үйлөнөм дебесе мен айтмак белем, сөздүн башын чыгарып койсо көрөт элем да, жөн эле сынап жүргөн чыгаар, андан сөз чыгат деп күтүп жүрө берип кышта жылаңач калбайын" деген ойго келди да, акча табаар жагына оогонду дурус көрүп чечимге келди.

Жамийла бала чагында жарды үйбүлөдө чоңойуп, колунда жок жетим балага күйөөгө тийген. Анын өз аты Асылкүл. Ата-энеси ээрчишип алып ичип, балдарынын ач тогу менен иши жок жүрө берип кечинде түнөөгө келип калышчу. Асылкүл улуусу болгондуктан, инилери менен сиңдисин көрүнгөндөн жей турган бирдеме сурап келип, эптеп күн көрүшчү. Жедеп эч нерсе көрбөй, карды тойо тамак ичпей, үстүнө түзүк кийим кийбей жүрүп калпты көп айтып ал турсун колуна илингенин уурдай койуп көнүп да калган. Күйөөсү Бекболот абдан жоош болгондуктан өзүн-өзү билип басам деген жакка басып айлакер, куу да болуп бүткөн эле. Бекболоттун ата-энесинен заңгыраган беш бөлмө үй калган. Кардын зорго тойгузуп жан багышып үйдүн да эскирип баратканы көрүнүп турчу. Анткени менен убагында айылдагы көрүнүктүү үй болгондуктан сыны кете элек. Асылкүл коңшу-колоңдорунан карыздап ала берип баарынан чыгып калган болчу. Эми ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп сыртынан тааныган ошол айылдын башындагы бардар адамдан карыз акча сурамак болуп жөнөдү. Мындайда Бекболотко айтып же кеңешип койушту түк да ойлобойт. Ойунда: "Бул үй эскирип деги баратат, соода кылып бутка туруп алсак жаңы там салып алабыз, Бекболот эмне кылмак эле" деп баратты. Аны дарбазадан үй ээсинин аялы Мистекан тосуп алды:

- Кел, кел кир, кайдан бу?

- Ушундай эле, эже мен сизге жумуштап келип калдым, чиедей балдарым эки күндөн бери нан деп ыйлап ачка отурушат. Сизден эле чыгат, "бардар эмеспи" деп эле келип калдым, мага беш миң сом берип туруңуз. - Асылкүл жалооруй карады.

- Андай акча кайдан, бере албайм го… - Мистекан аны башынан аягына чейин бир сыйра көз токтото карап ойлуу туруп калганда Асылкүл дароо чыйпылыктап ийди:

- Жакшылык кылыңыз эжекебей, бала-чакаңдан айланайын, балдарым бөөдө өлүп калбасын! - Асылкүл чала-була көз жашы кылып алды, - Сиздерге ишенип эле келдим, ушул кыйын заманда айылдын тың, бардар жашаганы сиздер эмессиңерби, - көтөрө чалып сүйлөдү ал.

- Берсем процентке берем, көнсөң ошол, болбосо жок!

- Макул эже, керек болсо үйдү деле залокко койом.

- Болуптур, сен мага тил кат бересиң.

- Мейли, - Асылкүл кандай да болсо колуна акча тийсе болду деген кыязда шыпылдады. Мистекан аны эшигинин алдындагы сөрүгө отургузуп, колуна калем-кагаз карматты.

- Эгер кайрып бере албасам үйүмдү берем деп жаз!

- Ооба, ошентип жазам, - Асылкүл эптеп ийрелеңдетип жазып жатты. Мектепти төртүнчүгө чейин окуп кийими жок окубай калган эле.

- Ой сенин колуң кантет ботом, ушинтип жазасыңбы?

- Эжекебай, колум ушундай, кол жазмам начар болгон менен так, даана жазам, - Асылкүл айнып кетеби деп шашкалактап жооп берди.

- Мейли, процентке алдым деп жаз. Кантсе да өз колуң эмеспи.

- Ананчы, колумду койуп айы күнүнөн өйдө койуп койдум.

- Кана? - Мистекан кагазды алып окуп жылмайып койду, - Малодец, жарайт.

Анан үйгө кирип акча салып чыкты да, Асылкүлдүн алдына миң сомдуктан бешти койду:

- Мына сен үчүн эмес балдарың үчүн берип атам, бералбай калып чыр кылсаң мынабу кагаз менен милиция ээрчитип барып үйүңдөн чыгарып койом, таарынба!

- Жарайт, бергенге аракет кылабыз да, жата бермек белек.

- Болуптур, бар анда. - Мистекан аны короосунан чыгарып эшигин жаап алды.

"Өлүгүңдү көрөйүн десе, "дүнүйө бар жерде пейил тар" деген ырас, нан ооз тий дегенге жарабайт!" - деп Асылкүл артын бир карап күбүрөнүп алды. Ойунда "чай-пай ичип алайын, кантип бир дасторкон жайып бирдеме ооз тий дебесин" деген ойдо келген.

Орунбайдын аялынан үйүмдү залогго койом деп беш миң сом алганын Бекболотко айтпады, тек бардар кишидей гана үйүнө каптап ун, май, чай алып атып бир топ коротуп алды. Муну көрүп-билип турган Бекболот бир күнү андан сурады:

- Ой Асылкүл мынча акчаны кайдан алгансың, бир күнү доочу келсе төлөй турган абалыбыз жок кантээр экенбиз?

- Сенин ишиң эмне экен, балдарды чыркыратып койуп карап отура бермек белем, же сенин эркектей болуп таап келээр түрүң болбосо, мынабу үйдү залогго койуп беш миң сом карыз алдым айла жогунан.

- Жинди болгонсуң го, бул үй менин ата-энемден калган, ага сенин тиешең канча, беш миң сом деген оңойбу же колубузда сата койор мал болбосо..

- Акчасын төлөп беребиз, эптеп балдарыбызды ачкачылыктан сактап калсак эле болду, а-а төлөй албай калсак айла жок үйдү бошотуп беребиз да.

- Соосуңбу деги сен, үйдү бошотуп берип ай-талаада жашайбызбы ыя?

- Андай эле үйүңдү бошотуп бергиң келбесе акчасын таап берип сал!

- Мен анча акчаны кайдан табам же жумуш болбосо, же сатаар малыбыз жок, соода кылганга сенин да менин да эбибиз жок, сен таза өлтүрөсүң го?!

- Ооба, жалгыз башымды багам деп ушинтип азапка түшүп жатпайынбы, булар болсо менин мурунку күйөөмдөн келген! - Асылкүл туураланып сыртка чыгып кетти. Бекболот болсо башын мыкчыган бойдон отуруп калды. Ал эми бала деген бала эмеспи, карды тойгонго эч нерсе менен иши жок көңүлдөрү куунак болуп ойноп жүрүшөт. Жокчулуктун, жетишпестиктин азабын тартып калган Асылкүл кантсе да балдарын колунан келишинче каалаганын кийгизип, ичирип чоңойткусу келет, бирок жокчулук жонунан басып, кедейчилик кендирин кесип турганы зээнин кейитип жатты. Алган акчасынын акырына чыгып кайрадан сындырым наны жок загра нанга де жетпей эптеп кара жармадан жутуп калышкан кезе Асылкүлдүн башына бир ой келди да, кечинде жатаарда Бекболотко өз ойун айтты:

- Бекболот мен сага бир сонун акыл айтайынбы ыя?

- Эмне деген акыл экен, дагы бир балээнин башын чыгарбай жөн жүрчү. Андан көрө төшөк сал, жатабыз.

- Деги эркексиңби ыя? Жатып өлгүчө атып өл деген сөз бар эмеспи, тиги Кадырбек деле билгизбей ар кимдин малын уурдап сатып жүрүп машина алды, үйүн келиштирип эки кабат кылып бүтүрдү, сен эле бүжүрөп үйдөн чыкпай үй күчүк болуп мен таап келсем ичип-жеп, жок болсо күнү бүтүп бараткан токсондогу чалга окшоп тамдын түбүндө отура бересиң.

- Эмне кыл дейсиң анан, мени ууру кыл дегени турасыңбы? - Бекболот аялын карап үтүрөйдү.

- Акырын эми, эл угат, эмне экен ууру кылсаң, ашып-ташпагандан ушуну кылганыңды кудай деле кечирээр.

- Жок Асылкүл, мен анте албайм, бирөөнүн короосуна ууру кылганы эмес, жөн киргенден чоочуп турам.

- Аа-ай, - Асылкүл шыбырай анын жанына келди, - короого кирбей эле талаадан жайлайбыз, экөөбүз эле билебиз, сен корксоң мен кошо жүрөм.

- Талаадан кантип кармамак элек? - Бекболот аялын таңдана суроолуу карады.

- Мындай отурсаң экөөбүз план түзөлү, - Асылкүл күйөөсүн төргө отургузуп, өзү эшиктин илгичин илип анан балдарын жаткырып койуп кайра Бекболоттун жанына отуруп шыбырап сүйлөй баштады. Бекболот мындайда аялы менен сөз талашуунун пайдасы жок экенин билгендиктен үндөбөй угуп отура берди, - Анан сен экөөбүздөн өткөн бай жок болуп бир жыргайбыз дейсиң, - деп койду сөзүн бүтүргөн Асылкүл.

- Балакет басып колго түшүп калсак эмне болот ыя, менин шорум кайнап түрмөгө отуруп калбасам болду.

- Эч нерсе болбойт, кокус андай болсо милийсага өзүм барам, мынабу чиедей балдарды көрсөтүп кутулуп кетпей өлүптүрмүнбү? - деген Асылкүл күйөөсүн далыга таптап койду. Алардын үйү айылдын четинде болчу. Колунда жок өп-чап жашагандыктан кирип чыккан эч ким деле жок. Күндүзү күйөөсү экөө тердеп кургап төркү бөлмөсүнүн полун бузуп казып киришти. Кара терге түшүп чарчаганына карабай, кара жарманын кубаты жок бат эле шалдырап алсыраганына карабай иштеп күнү-түнү казып жатып беш-алты жандык баткыдай болгондо токтотушту. Балдарын сыртка чыгарбай "бирөө жарым келсе 'үйдө эч ким жок' деп айткыла" деп үйрөтүп койду Асылкан. Жертөлөдөн чыккан кумдуу топуракты сарайдын ичине ташып, үстүн чөп менен жаап бекитип, түшүп кетпес үчүн ар бир бурчуна түркүк койуп койду да, Бекболот бираз эс алып отуруп аялын карап:

- Ийи, муну болсо бүттүк, эми кандай кылабыз, ойлоп тапкыч элең, калганын өзүң билгендей жаса! - деди.

- Анын эмнесин сурайсың, мынча болду колдон келгенин жасаш керек, өмүр бойу жетишпей жүрүп өтмөк белем? - Асылкүл ойлуу мисирейди: "Же ата-энеден жыргабасам, качанкыга бардын көзүн карап суктанып, сумсайып жүрө берем, мен да эл катары жашагым келет, эл кийгендей кийип ойноп күлгүм келет, акыры башта бир өлүм", - деп отуруп калды.

- Кандай болсо да сак болбосок болбойт, калкалап алчу тууган жок, сенин айыңдан алар да каттабай калышты.

- Эмне эле мага асылып атасың, туугандарыңа эмне кылыптырмын, колуңда жок итке минген кедей болсоң, өздөрү эле катарга албай калышпады беле? - Асылкүл күйөөсүнө жини келе карады.

- Деги айтам да, ушул ишиңе ишенбей да турам, арам оокат акыры бир күнү аңга тыкпаса болду?!

- Эчтеке болбойт-этпейт, уурулуктан байыгандарды көп эле көрүп жүрөм.

Өзүң бил… - Бекболот үндөбөй калды. Кайсалап ичээрге эч нерсе жок, коңшусунукуна Асылкүл өзү барды.

- Эже балдарым, ал турсун өзүбүз да бир топ күндөн бери эч нерсе татпай ачка калдык, колубузга карга чычып калгысы бардыр, түбөлүк кошунабыз го, колуңуздан келсе дагы жардам берип туруңуз, жок дегенде талкан болсо да жарма ичип өзөк жалгап өлбөстүн күнүн көрүп туралы, "өлбөгөнгө өлүү балык кез келет" дегендей балдардын да ырыскысы бардыр, - Чыны менен ачкадан алсырап тургандыктан анын көздөрүнө ызадан жаш тегерене түштү.

- Кой кейибе, бир аз талкан бар эле, ошондон анан бир аяк ун берейин, балдарыңа нан жасап берип тур, - коңшу аял анын көзүнө тегерене түшкөн жашын көрүп боору ооруп талкан менен ун берди эле, Асылкүл ого бетер жашый түштү:

- Кудай жалгасын эже, ушу жакшылыгыңызды эч унутпасмын, же күйөөм иштебей же мен иштейин десем жумуш жок кыйналып бүттүк, ыраазымын сизге!

- Эчтеке эмес, азыр силерге окшогондор көп, бир эле силер дейсиңби.. Бара гой, балдарыңдын кардын тойгуз.

- Рахмат эжекебай, - Асылкүл кайра, кайра алкап жатып үйүнө бет алды. Ойунда процентке алган акчасынын да берээр кези келгенин, аны кантип токтото тураарын билбей бушайман болуп жатты.

Ошол ала жазда Бекболоттор ар кимден сурамжылап картошка тикмекке күрөк менен жер тээп атышты, Алардын ойлогон ойу улам кетенчиктеп, мал жайылган жайытты карап көздөрү талып айласы куруду. Бирок эч ылаажы таппай убакыт өтө берди. Күндөрдүн биринде Бекболот түн бироокумда сыртка чыкса огородунун этегинде бир караан турат, басып барса кунан чыкма торпок экен. Дароо үйгө кирип Асылкүлдү ойготту:

- Эй Асылкүл, тур эшиктин алдында бир бука оттоп турат.

- Эмне дедиң, оо кудай, кудай берет деген ушул, бол жип ал, экөөлөп кармап жертөлөгө киргизели.

- Жертөлөгө ал бойлобосочу?

- Бол деп атам, колго түшкөн койонду койо берген оңобу дейт, эшиктин алдына келген эмени эптей албасак анда ачкадан кырылабыз!

Бекболот колуна жип алып буканы көздөй басты эле ал мал да болсо экөөнү баш көтөр карап койуп оттогонун улантты. Башына жип байлап шаша буша жетелеп даярдалган жертөлөгө эптеп атып киргизишти. Жертөлөнүн бийиктиги бир топ эле бар экен, мындай бодо малдан үчөөнү катар байлап бакса болчудай. Бекболот сырттан бир боодой чөп жулуп кирип алдына таштап койду. Жертөлөнүн оозун абдан бекитсе аба кирбей мал өлүп калчудай эле, ошондуктан тактай эле койуп үстүн ачык койду да, бөлмөнү кулпулап салды. Эми алар аны эмне кылар айласын таппай Асылкүл ооруган болуп төшөккө жатып алды. Бекболот балдары менен жарма бышырып эптеп күн өткөрүп сыртка кулагын төшөйт. Арадан бир жума өттү, бирок мал жоготкон адамдын дареги билинбеди. Аларга мал жоголгонун айтып издеген бирөө келбеди. Асылкүл бир күнү Бекболотко айтып экөөлөп сойуп аз аздан аш кашык кылууну чечти да сойулган малдын башы менен терисин түндөп жер казып көмүп койушту, үч күндөн кийин экөө ирең-бараңда туруп алып базарга жөнөштү, жарым этин унга алмаштырып келмек. Бул жолку ойлору да кынтыксыз ишке ашып бир топ жеңилдеп калышты. Кантсе да Бекболот эркек эмеспи, "аял жасаган ишти мен жасай албай эмне, кой ачкадан өлгүчө мен деле кыймылдайын" деп ойлоп кечке маал мал жайылган жайытты көздөй жөнөдү. Өз айлынын кой кайтарган койчулары аны таанып, көрүп калса шекшип калабы деген ойдо ал коңшу айылдын койлоруна жортуулга чыкты. Колунда мүшөк, жип, эки көзү жайытта. Ошентип Бекболот мал уурдаганга эт бети менен киришип түндөп буту-колу буулган улак, козуну көтөрүп келип он жандыкты жертөлөгө бага башташты. Эки-үч ай чөп берип суу берип багып атып акыры бир күнү түндөп экөө эл аягы суйулганда жандыктарын айдап жөнөштү. Эмнеси болсо да өздөрүн тааныбагандай кылып көздөгөн айылдын четине токтоп касапчыга сүйлөшүү үчүн Асылкүл жөнөдү. Касапчы алардын караңгы жерге баккан малдарын карап көрүп сураган баасынан түшүрүп берди да, алып калды. Ал касапчы аларды дагы багып анан сатмакка багылган малга кошуп койду. Асылкүл менен Бекболот бир аз кийим-кече менен тамак-аш алып үйлөрүнө келишти. Ошентип түнкү жортуулдары ишке ашып негедир алардын оңоло баштаганын байкаган коңшулары таңгала баштады. Чынында алар же соода кылбаса же иштебесе кайдан, кантип таап атканы табышмак болчу, Адам баласынын көңүлү куунак, карды ток болсо эле кечээги ач болгон кыйын кезеңин унутуп калат эмеспи. Асылкүл менен Бекболот андан кийин далай жолу жортуулдан жолу болуп тамак-ашка кенелип, үстү-башы жаңырып, орто чарба болуп кетишти. Түндөп уурдалган малды сатып жиберип ордуна бирин-экин жандык сатып алышты. Мунусу менен элди алдап "мал күтүп калышкан, оңоло баштады" деген сөздү тастыктап мындан ары эт сатмай болушту. "Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?" дегендей ошону менен токтотуп койбой баягы момун Бекболот чыгаан ууруга айланды. Асылкүл болсо курбу-курдаш күтүп күндө отуруш, ойун-күлкү менен күн кечире баштады. Арадан өткөн бир жылдын ичинде алар санап көрсө жүз элүү мал уурдап саткан экен. Эмки алардын ойу койлорду жертөлөдө багып семиргенде этин сатып байымак болду. Асылкүл ал арадан Бекболотту үйгө жортуулга жөнөтүп койуп көңүл ачууга кетет. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дегендей, Асылкүлдүн азабы болбогондо дагы канча адамдын убалына калаар эле ким билет. Ошол күнү күйөөсүн түнкү "жумушуна" жөнөткөн Асылкүл жакында эле таанышкан көңүлдөшү менен курбусунун үйүндө отурду. Көңүлдөшү өзүнөн он жаш кичүү Имаш болчу. Ал да бирде ач, бирде ток болуп, аялынын жемесин угуп жинди суудан бастырып алганда алаксып калчу. Үч баласы менен аялы эптеп пирошки сатып күндүк оокатын өткөрүп аткан.

Курбусу Айткүл Асылкүлдүн бат эле минтип колунда бир аялга айланганын көрө алчу эмес. Эч нерсени ойлобогон Асылкүл жакында үйүн залогго койгон акчасынан кутулаарын мактана айтып көңүлдөшүнүн алдына заводской арак менен колбасаларды койуп орто кызуу болуп эми жатууга даярданып жатканда Айткүл сыртка чыгып беш-алты көчө арыдагы Имаштын аялына жөнөдү. Ал келгенде үч баласы менен жатып алган келин эшик тыкылдаганда күйөөсү келди го деген ойдо үндөбөй ачып жиберип бейтааныш аялды карап чоочуп кетти:

- Сизге ким керек?

- Мага сен керек, эмне эриң көрүнгөндүн койнунда жатса билгиң келбейби? - Айткүл кытмыр жылмайды.

- Ал кайсы аял экен? - Жаш келин таңыркай кайра өзүнө суроо берди, бейтааныш аялдын сөзү аны келекелеп жаткандай туйулду.

- Көргүң келсе мени менен бас, болбосо айтпайм! - Айткүл аны сырдуу карады.

- Азыр… - Келин дароо үйгө кирип үстүнө халат кийип чыкты да Айткүлдүн артынан басты.

- Атың ким?

- Айдай.

- Айдай сиңдим, мен сага боорум ооруганынан келдим, сен минтип жаш балдарың менен аны күтүп жатсаң ал бирөөнү кучагына кысып ойноп жүрсө көрүп-билип туруп чыдабадым.

- Рахмат, - Айдай кыска гана үн катты.

Аңгыча алар Айткүлдүн короосуна кирип келишти да төркү бөлмөнүн терезеси жакка өтүп акырын карап, Айдай ошол көз ирмемде эмнени көрүп жатканына башы жетпей нес боло туруп калды. Анткени өзүнүн эри менен чоочун аял тири укмуштай иш жасап жатышкан эле. Бир топтон кийин Айдайдын дел болуп туруп калганын көргөн Айткүл аны түрттү:

- Ай эсиң ообой дал ушул тушта кирип барып экөөнүн тең азабын колуна бербейсиңби!

- Ыя?! - Айдай не кылаарын билбеди. Мындайды көрбөгөнгө өзүн жоготуп койо жаздады, - Кантип эже, кантип кирем, уят го?!

- Уят да кокуй, анда мен сени убара болуп неге чакырып келдим?! Мындай кыл, мен кирип ордума жатып уктамыш болуп калам сен кир да сазайын бер!

- Мейли, - Айдай дале эмне деп айтаарын билбей Айткүлдүн артынан ээрчий үйгө кирди.

- Мен бул бөлмөдө жатам. Сен айкырып кирип бар дагы тигил аялды чачтан алып тепкиле, сага ээ бербей өзүңө кол салса эшикке чыгып элди жардамга чакыр, мен да тура калып сага болушам макулбу? - Айткүл аны сүрөп койуп үйгө кирди.

- Макул, - Айдай төркү бөлмөнүн эшигин ачып эле айкырып кирип барды: - Ээй бети жок, кайдагы шермендени таап алгансың, азыр ушунуң экөөңдү тең өлтүрүп тынбасам элеби?! - Айдай бурч жакта турган серванттан бычакты ала койуп шилтейин дегенде Имаш аны илбериңки кармап колундагы бычакты алды да экөөнүн ортосуна тура калды.

- Болду, бас үйгө кеттик, ачууланбачы эми, анда күнөө жок. Кызып калыптырмын, мени кечирип кой?!

- Анын эмнесин аяп жатасың ыя, бул катын же менден артык бекен, бала-чакаңа да алмашчу аял бекен ыя?! - Айдай айкырып Асылкүлгө асылып чачтап кармайын дегенде Имаш колундагы бычактын бар экенин сезбей аялын түртүп жибергенде анын ичине кирип кетти эле дароо кызыл жаян кан болуп кетти. Имаш коркуп элди чакырып кирди. Элдин алды жатып аркасы уктай элек эле, бат эле коңшулар толуп кетти.

- Ай эмне болуп кетти ыя, Айткүл да ушундай экен ээ, ботом жакын туруп билбептирмин.

- Ургаачы болот да тим жүрмөк беле, күйөөсү болбосо же уялып тартынып калаар баласы болбосо… - Эки аял тамшанып, болуп жаткан окуяга табалагандай сөз кылып кирди эле бирөөсү элдин ичинен үн катты:

- Ушакты токтотуп тиги келинди тезирээк доктурга алып жөнөш керек, кансырап өлүп калбасын.

- Жардам бергиле туугандар, үч балам бар эле?! Мени кудай уруп байкабай… - Имаш аялын кучактап ыйлап жардам сурап атты. Арасында машинасы бар бирөө келиндин жаштыгына боор оорудубу же балдарын айтып ыйлап жаткан Имашка боору оорудубу:

- Болгула тезирээк, кансырай электе жеткирели, ушундайда жардам бербесек пендечилигибиз кайсы, - деп Имаштын жанына жетип келинди көтөрүп машинага салып жөнөдү.

- Капырай Айткүл көрүнбөйт да, элден уялганынан калып кеткен го?

- Ким билет, качса да, качпаса да акыры ачыкка чыгат да, шерменде десе, эми тигил жаш келин өлүп калбаса десең, өлүп калса даана шору катат.

- Ошону айтсаң дегеле зымпыйып жүрүп ойношчулун кара!

- Тешигин бүтөп койду дейсиңби, анан калса улгайган менен өңдүү-түстүү да байкуш.

- Өңү менен курусун, үч баланын убалы кимге? - ушул кезде үйүнөн уйкудан ойгонумуш болгон Айткүл чыга калып таркабай топтошуп турган элди көрүп билмексен боло сурады:

- Ой силерге эмне болду, түн жарымында менин короомо үйүлүп?

- Оме-ей, бул эмне дейт ыя? Кылаар ишти кылып, кыл жип менен бууп койуп анан сурап жатканын кара? - жанатан бери шыпшынып жаагын жанган аял аны карап эликтеп койду.

- Ошону айтсаң ай, ойношуңдун аялын бычак менен бышып койуп билмексен болбой эле гой! - деди бири жерге түкүрө.

- Айланайындар, менин эмес Асылкүлдүн ойношу, мен алда качан уктап калгам, - Айткүл үйүнө жүгүрүп кирди да Асылкүлдү таппай чыкты, - Ал шүмшүк качып кетиптир!

- Кайсы Асылкүл?

- Тиги Бекболоттун аялычы, Имаш экөө көптөн бери эле меникине келип жүргөн, анын аялы кайдан келе калды экен, карангүн?

- Аа-аа өлүгүңдү көрөйүн десе, баягы, ата-энеси алкаш Асылкүл тура, аз жерден сенин күнөөңдү көтөрүп ийдик.

- Ой тоб-боо десең, ал өлүгүңдү көрөйүн кантип качып кетти экен ыя?

- Анын колунан баары келет, ичсе кенен ашка, кийин жакты кийимге жетпей эле жүрчү эле бала күнүнөн, тимеле өңдөнүп калыптыр го?!

Аялдар Айткүлдөн кийин Асылкүлдүн жер-жеберине, жети атасына чейин наалат айтып жатышты. Аттиң, адам баласынын ушунусу жан кейитерлик адат эмеспи. Ырас, Асылкүл жокчулуктун, жетишпестиктин азабын тартты дейли, анын ата-жотосунда эмне айып?

Асылкүл Имаш аялы менен алек болуп жатканда кийине салып качып үйүнө кетип калган эле. Ал келгенде Бекболот жаңы эле бир семиз койду алып келип сойуп жаткан. Асылкүлдүн түрүн көрүп чоочуп кетти:

- Сага эмне болду, өңүң сурданып кетиптир да?

- Эмнени сурайсың, андан көрө койдун терисин арыдан-бери көмө сал, бирөө келип калса шорубуз катып жүрбөсүн!

- Ким келмек эле, же бир балээни баштап келдиңби?

- Эмнеле такыйсың бол эртерээк, кан-сөлүн тазалап, этти жертөлөгө киргиз да, үйдү беките салып жата калалы.

Бекболот эч нерсеге түшүнбөй жер казып, баш менен терини көөмп бүтүп, этти жертөлөгө катып оозун бекитип жатканда сырттан дабыш чыгып калганда шашкалактап кулпуну иле салды да оозгу үйгө туруп тыңшап калды. Участковой Доктурбек менен Айткүл баштаган беш-алты аял-эркек короого кирип келгенде Асылкүл коркконунан калчылдап: "Шорум катып Имаштын аялы өлүп калган го, болбосо минтип ээрчишип келбейт эле, кара оозуна кан толуп ким чакырып келе койду экен аны?" деп ойлонуп селдейе туруп калды.

- Жүрүңүз мени менен, тигил келин оор абалда жатат, тезирээк болуңуз! - Доктурбек ага сүрдүү тигилди.

- Догдурбек айланайын, эртең менен эле барайын, кайда качмак элем, - жалдырап ыйлап жиберди.

- Азыр барасыз. Сиздин айыңыздан адам, адам өмүрү кыйыла жаздады, уялбайсызбы.

- Кечирип кой айланайын, бирөө атайы чагым кылса керек, жөн эле отурганбыз.

- Болуңуз, күч колдонуш керекпи?! Сенден башка жумушум толтура, бир эле сен дейсиңби, - Догдурбек ороңдоп жибергенде Асылкүл бөйпөңдөп участковойдун алдына түшүп жөнөп калды. Ошол учурда Бекболот чыга калып:

- Үке, анчалык эле эмне болду, тынччылыкпы? - деп сурап калды эле Догдурбек артына кылчая анын бутунан башына чейин көз жүгүртүп алды да:

- Аны аялыңдан сураган жоксуңбу? - деп алдыга кадам шилтеп баратып кайра артка кайрылды. Бекболоттун жанына келип сынай карап анын аңкоо суроосуна жини келе үйдүн ичине баш бакты: "Бул жерде дагы бир сыр бар окшойт, кийим кечеси бүт кан болгонуна караганда" деген ойдо бөлмөлөргө баш багып бир жагынан чарада турган ичеги-карынды көрдү да, андан ары кире берди. Төркү бөлмөгө келгенде кулпуну көрүп Бекболотту карай буйрук бере сүйлөдү:

- Ач эшикти!

- Ал үй көп жылдан бери эле эч ким кирбей турат, мына мен баратпайымбы, аны тим кой, балдарга баш көз болуп турсун.

- Ачылбаса өзүм ачам, - Догдурбек колундагы таягы менен Эки-үч урганда ачылып кетти! Кирип барып бөлмөнүн чок ортосундагы жертөлөнүн оозундагы ачылып турган тактайды түртүп жибергенде оозу ачылып үңүрөйгөн жертөлөдөн кой эчкинин бышкырган добушу угула түштү. Аны көрүп баары таңгала үнсүз туруп калышты. Бул учурда Асылкүл каткан акчасын алды да алаксып калганда көздөн кайым болду. Доктурбек жертөлөгө Бекболотту түшүрүп чарадагы жаңы сойулган койдун этин чыгарды да:

- Бул кимдин койу, баш териси кайда? - деди эле, Бекболот мукактанып сүйлөй албай калды. Ушул учурда Доктурбек эки жагын карап, Асылкүлдү издеп сырткы бөлмөдөгү балдарынан сурады эле алар "билбейм" деп үрпөйүштү. Заматта анын качып кеткенине жини келген Доктурбек Бекболоттон күчүн чыгарды!

- Эн-неңи урайындар десе, катының бирөөнүн үйүн бузуп. Сен элдин малын уурдап!.. Силерге көргөзбөсөм элеби?! - ачуулана ага кишенди салды да алып жөнөдү.

Жамандык жерде жатчубу, эртеси уккандар жерге түкүрүп, мал жоготкондор келип тааныганы алып кетишти. Коңшу айылдан да уккандар келип төлөтүп берүүсүн суранып арыз жазып атып күнөөсү оордоп унчукпаган Бекболот баарын мойнуна алды, ал турсун ач-жылаңач калганда аялынын тили менен жасаганын да айтып берди. Асылкүлдүн качып жоголгонун, Бекболот камакта экенин уккан Мистекан колундагы тилкатты алып келип участковойго айтып арыз жазды да, үйдү бошоттуруп алганга аракеттене баштады. Үйдө балдары эле калган болчу. Эч ким баш-көз болбой балдары ачка, бир жуманын ичинде жаман болуп кетишти. Акыры коңшу айылдагы Асылкүлдүн бир туугандары келип төрт баласын тең алып кетишти. Арыздарын текшерип, Бекболоттон аныктап сурап үйдү өткөрүп беришти. Бекболотту уурдалган малдардын ээлери арызданып жатып он жылга соттотуп тынышты. Түрмөгө түшкөндө гана өзүнүн туура эмес жолго түшүп Асылкүлдүн тилине киргенине өкүнүп башын мыкчып отуруп калды. Асылкүл дайынын таптырбай жоголгонуна сөгүнүп алат да, кайра: "Мейли, анын качып кеткени жакшы болду, балдарды эптеп карап тураар" деп көңүлү тына түшөт. "Аялды башынан, баланы жашынан" деген сөздүн чындыгына көзү жетип: "Акылсыз аял менен жашап ушуну көрдүм, эми ичкич ата-энеси балдарды кор кылат го?" деп зээни кейип тордун артында жатып санаага батып көңүлү чөгүп кыйналып өзүнүн көргөн азап-тозогуна кайыл боло аргасыз балдарын аяп жатты.

Айнура акыры Шуранын айтканына макул болду. Адегенде Шура аны аябай жасантып туруп, анан ээрчитип чыгып анын тартынып турганынан пайдаланып көнгөн адатынча клиентти тез эле тапты да салып берди. Айнурага ал адам абдан жакшы мамиле кылып, кетээринде колуна эки миң сом берди да машинасы менен жеткирип келип:

- Тигил "мамаңдын" акысын өзүнө бергем, бул акча өзүңдүкү, дагы келем, башка менен болбо, - деди да жөнөп кетти.

- Макул, - деген Айнура: "мамаң дегени эмнеси, кимди айтып жатат" деп түшүнбөй кала берди. Бирок ал акча ага табылбаган акча эле: "Бул акча менен соодага чыксам деле болчудай" деп жуунуп таранып алып жатканы калганда Касым келип чакыртып ийиптир. Айнура чыгаары менен эле:

- Кайда жүрөсүң, кайра-кайра келсем жоксуң, бара-бара сен таптырбай кетесиң го? - деп күлүмсүрөй карап колун сунду эле, Айнура уурусу кармалып калгандай мукактанып, кызарып кетти:

- Аа-аа, мен башка жумуш издеп кеч келдим.

- Ошондой де.. Эмне, тигил ишиң жакпай калдыбы?

- Акысы аз, эч нерсеге жетпейт.

- Да-аа, анда эмне кылсак, - Касым бир азга ойлонуп туруп, - анан табылдыбы? - деп кайра сурады.

- Эртең да издейм, бир жерде жакшы төлөй турган жумуш бар экен, шеби эртең келет дейт.

- Эмесе барып көр, болбосо өзүм караштырам, жүрү эми чай-пай ичели.

- Жок, жок, тамактанып алдым… - Айнура негедир эркек менен болгонго аябай жанчылып турган эле, баш тартып баргысы келбегенин билдире аны уяң карап койду.

- Ал эмнең, менден тартынбай жүр дебедим беле, дале көнө албадыңбы, жүрү кеттик, мен сени күтө берип чарчап да, кардым ачып да кетти, сен ток болсоң мен ачкамын, бас! - деп тамашалай күлүп калды. Айнура аргасыз ээрчип жөнөгөндө Шура алдынан чыгып:

- Айнура бир мүнөткө бери келсең, - деди.

- Эмне болду? - Ал билмексен боло Касымдан алыстай түшүп Шуранын жанына келгенде ал акырын колуна акча карматты да көзүн кысып койду:

- Калган кепти келсең сүйлөшөбүз.

- Макул, - Айнура алаканындагы акчаны караса төрт жүз сом экен, чөнтөгүнө салып Касымга катарлаша калганда ал аны сынай карап сүйлөй баштады:

- Айнура, мынабуга окшогон кыздарга кошулбай жүр, алар сени түз жолдон адаштырып койот, булар өз денесин саткан кыздар.

- Аны кайдан билесиз? - Чоочуп кеткен Айнура эки бети кызара Касымды таң кала карады.

- Булар белгилүү да.

- Мм, да..

Андан ары сөз уланбай экөө катар басып кафеге жетип орун алып заказ бергенден кийин Касым сөзүн улантты:

- Сен айылдан келген жаш кызсың, булар дароо байкап тузакка илип сени сатышат, байкап өзүңө сак бол, - деп анан: "Соо эмес, муну катарына кошуп алышкан го, азыр колуна акча берди окшойт, демек бүгүн саткан окшойт, жумуш издебей эле" деген ойдо отурду.

Айнура: "Капырай, менин сырымды биле койдубу, сойкуну сыртынан таанып койгонун кара. Же бойдок неме барып жүргөндүр" деп ар кандай ойдо отурганда тамак келип калды да жай баракат улам бир-бирин үнсүз тиктеп койуп тамактанып отурушту. Көптөн кийин гана Касым өзүн колго алып тамашалай күлүп калды:

- Экөөбүз урушкандай болбой сүйлөшүп отуралычы, кана эми эртең эмне кылайын деген ойуң бар?

- Эртең жанагы жумушка барам, туура келсе иштейм, болбосо көрөм.

- Макул, мен да эртең ушул маалда келип кабар алам.

- Өзүңүз билиңиз, мен үчүн жакшылыкты аябай эле жасап жатасыз, сизге өмүрүм өткөнчө ыраазымын!

- Жакшылык кылган адам колко кылбайт, бир адамга кылган жакшылыгымды адамдык парзым деп эсептейм.

- Рахмат.

Экөө көпкө отурушуп, анан жатаканасына жеткирип койуп Касым дагы өз жолуна түштү. Айнура бөлмөсүнө келсе дагы бир кыз келиптир. Ал Айнура келери менен эле шакылдап таанышып калды:

- Кайдан болосуң атың ким?

- Айнура, Кочкордон болом, - Айнура жерлигин жашырып калп айтып койду.

- А менин атым Күмүш, Жалал-Абаддан болом, бул жерде тааныштарымды тапканча эле турам, жаңы эле келдим.

Айнура үндөгөн жок. Ал сүйлөй берип анын унчукпаганынан тажадыбы ал дагы жатып алды. Эртеси эрте Шура чакырып Айнураны алып кетти. Кечээ алган акчасын аз деп жатабы деп ойлогон Шура ага минтти:

- Кечээ сени баалашканды билбейт деп акыңды алып калгам, дегиңкиси бизде саатына, ночко баасы бөлөк.

- Саатына канча? - Айнура андан чын дили менен сурады.

- Саатына крутойлор болсо беш жүзгө чейин, а мындай болсо үч жүз. Эки жүзгө да кете беребиз.

- Ночкочу?

- Ага миңден жогору, Эми мындай, мен сага дагы бир клиент таап койдум, үч же төрт саат анын айтканы менен болосуң, өзү жеткирип койот, акыңды келгенден кийин аласың.

- Барбасамчы?

- Эмнеге барбайсың, же акча тапкың келбей калдыбы?

- Жөн эле, бүгүнкү иштеген акым канча болот?

- Аа-аа бүгүнбү, алты жүз аласың.

- Охо-оо көп ко?

- Ананчы, үч-төрт саат ойу менен болуп атсаң ошончо төлөбөгөндө..

Шура шашкалактап калды, аны айнып кетеби деп алты жүз деген болбосо беш жүзүн берип беш жүзүн өзүнө калтырмак эле: "ошол да жетет, бекер тапкан акча болгон соң" деп ойлоп алды.

- Ортомчулук кылганыңа бир нерсе калабы анан? - Айнура атайы сурады. Кечээги клиенти айтканынан кийин төрт жүз бергенинен сезген эле, буга да жакшы калаарын.

- Эмнеге, мен ортомчулук кылган жокмун да, сага эле клиент таап жардам берип жатам, өзүм иштейм керек болсо.

- Жакшы экен, - Айнура ошол бойдон үндөбөй туруп калды.

Шура анын суроосуна кыжыры кайнап: "Муну кара, менден такып калганын, сени бир шумпайларга салып берип шоруңду кайнатпасам элеби?" деп кекенип алды.

- Сен даярсыңбы, бол бат, кийинип чыга кал, келип калды клиент, - Шура жол бойуна токтогон чет элдик маркадагы машинаны көрүп шашып калды.

- Азыр, - Айнура бөлмөсүнө кирип жасанып, бойонуп чыгып Шура менен көчөнүн баш жагына басып барды да машинага түшүп кетти. Айнураны бул клиенти абдан кыйнады, мындайды көрбөгөн ал ыйлап да жиберди: "Экинчи бул ишке барбайм, ушул акыркысы болсун, ушул кордукту көрүп акча тапканча аз болсо да адал иштеп табайын" деп ыйлап жатып ичинен ойлонду. Бирок ал дагы берешен экен, чарчап уктап калганда столдун үстүнө жүз доллар таштап койуп кетип калыптыр. Ал качан гана бөлмөнүн ээси келип ойготкондо билди. Эптеп квартирасына келип жатып алды. Тим эле бүткөн бойу жанчылып кыйналып калыптыр. Мейманкана ээсине барып:

- Агам келсе мени жок деп койуңузчу, - деди, - ооруп турам.

- Макул, - ал аял аны сынай карап күлмүңдөп койду, - качан келет дейин, күтүп калсачы?

- Бүгүн болбойт деп айтыңыз.

- Жарайт, сулуу кыз, - Айнура ал аялдын көзүнөн өзүн шылдыңдап жаткандай күлүмсүрөөнү көрдү, жүрөгү ооруп жан дүйнөсү тарыды, анысын билгизбей кирип жаткан бойдон катуу уктап кеткен экен, түн бир оокумда ойгонуп ичи ысып суусап калганга сыртка чыгып суу ичип келип кайра жатты. Келгенден бери тырмалаңдап жүрүп тапканын чогултса да миң сомго жеткире албай койду эле эми минтип эки күндө алты миң; "болду иштебейм, соодага чыгам, Касым сураса карыз алдым деп койом" деп ойлонуп андан кийин уктай албады. Бирок ал ошону менен токтой албады. Эртең менен туруп бети колун жууп тамактанганы ашканага баратканда хозяйка аял жолугуп:

- Кызым, агаң кечээ келгенинен сени бүгүн болбойм деген десем көпкө туруп кетти, бир нерсе айткысы келдиби, айланчыктап ары бери басып улам мени карап койот. Мен да билмексен болуп койдум.

- Ийи, ошенттиби? - Айнура бир аз ойлонуп турду да ашкананы көздөй басты: "балким сезип калган чыгаар, менден качып жатат деп ойлонду болуш керек" деп түкшүмөлдөп. Анан тамактанып жатып: "бир сыйра кийинип алайын". Ашканадан чыккандан кийин таранып алды да, талчокко жөнөдү. Көпкө аралап жүрүп кымбат кийим-кече алып анан келди да бөлмөсүнө келип кийинип алып ары каранып, бери каранып күзгүгө көрүнүп жатканда Күмүш келип калды:

- Охо-оо, укмуш го ыя, ата-энең акчаны аябай берген окшойт, болбосо… -

- Эмне болбосо? - Айнура аны тике карап жооп күтүп калды.

- болбосо мындай кийимдерди чоңдордун кыздары гана кийет, жумушуң жакшы го деп ойлоп жатам.

- Аа-аа, сенин ойлогонуң туура, бул жерде агам бар, ал мага кийим-кечемди алганга каралашып турат. - Айнура негедир калп айтканга көнүп баратканын сезе өзүнөн тартына түштү да: "эмне экен, иши кылып жаман жолго түшкөнүмдү билбесе болду да" деген ойдо өзүн алаксытты. Андан кийин Ош базары жакка барып бир аз аралап басып келүүгө бөлмөсүнөн чыгып келатканда Шура алдынан чыкты да аны көрүп таң кала күлүп алаканын шакылдата чапкылап калды:

- Оо-ой сен тимеле "мис крассавица" болуп калыпсың го ыя, кокус азыр көзүңө очки тагынып алып көчөдөн жолуксаң тааныбай калмак экемин.

- Койчу, кантип эле? - Айнура суз гана жооп берди.

- Ооба дал ошондой болмок, жүрү экөөбүз эсептешели, - деп четкерээк барып акырын колуна алты жүз сомду берди да, - ай бүгүн сени бир сонун клиент... - деп келатканда Айнура анын сөзүн токтотуп тетири басып жөнөдү.

- Жок Шура, мен эми эч жакка барбайм, ал клиентиңе өзүң эле бара бер!

- Апэ-эй ал эмнең, менин клиентим такыр башка, анын үстүнө ал сенин биринчи клиентиң болчу, ал турсун менден сени: "бөлөктөр менен болгон жокпу?" деп сураганынан: "Жок" деп койдум.

- Баары бир барбайм, - алар ошентип сүйлөшүп турганда тигил клиенти алардын жанына басып келип:

- Айнура кандай? - деп учурашып калды, - Мен сага келдим.

- Мм, мен… мен бүгүн жумушум чыгып кетип жаткан элем…

- Андан кийин деле барасың. Жүрү, мен машинадан күтөм, - ал жооп күтпөй эле ары басып кетти. Айнура эч нерсе дей албай анын машинасын көздөй басты. Ошентип ал күнү да каалабаган жумушуна барып келди..

Андан келгенден кийин Шурага жолугуудан качып хозяйканын ачкычын берди да кийим-кечесин көтөрүп башка жакка кетүүнү чечти.

- Сен кайда? - Хозяйка аны таң кала карады.

- Башка жактан жатакана таптым эже, сизге рахмат, жакшы калыңыз!

- Акеңе эмне деп койойун?

- Ага өзүм жолугам.

- Аа-аа, - деген мейманкана ээси Айнуранын артынан көпкө чейин карап эки ийнин куушура ары басып кетти.

Айнура ал жерден чыгаарын чыгып алып кайда бараарын билбей Ош базарындагы агылып өтүп жаткан элдин ичине кирип баратып башына бир ой келе калды: "Жатакана издеп радиоузелге барайын да бүгүн жайланышып алып жумушту эртең деле издейм" деп ойлоп сурап отуруп радиоузелге келип үймөктөшкөн элди жиреп алардан "квартира жокпу?" деп сурамжылап атып бир аялга туш келди.

- Чоң кыз, менде жатакана бар, жумушу менен. Кааласаң азыр жүр, - деди ал Айнуранын бүткөн бойун баш ылдый сыдырып тиктеп.

- Акысы канча, эмне жумуш? - Айнура сүйүнүп кетти.

- Барганда көрөсүң, абдан жакшы, кыздар бар, ошолор менен кошулуп иштеп жашай бересиң, - ал аял Индира болчу. Айнураны сырдуу жылмая карап койду, семиздигинен мойну билинбей, кышылдап сүйлөдү.

- Эгер жумушу жакпаса, айлыгы аз болсо башка жумушка чыга берсем болобу?

- Албетте, сен эркин учкан кушсуң кызым, жашап да башка жумуш таап иштей берсең да болот.

- Анда кеттик эже. - Айнура аны менен ээрчигенде дагы эки кыз кошо жөнөдү. Алар Индиранын артынан ээрчип келип машинанын жанына келгенде:

- Отургула кеттик! - деп Индира рулга отурду эле Айнура таң калып: "аябай бай аял го, машинасы бар экен, үйү абдан жакшы болуш керек, бирок кымбат болуп жүрбөсүн, төлөй албай калсам кетип калам да, азырынча акча жетет" деп ичинен ойлонуп баратып үч-төрт кабат үйлөрдүн алдына келип токтогондо гана ойу бузулуп жерге түшүп тиги кыздар менен катар Индиранын артынан жөнөдү. Алар экинчи кабатка келгенде эки бөлмөлүү үйгө киришкенде аерде дагы беш-алты кыз бар экен. Айнураны карап бир-бирин түрткүлөшүп калганда Индира эркекче сөгүнүп койо берди эле унчукпай калышты.

- Мына бул кыздар менен чогуу жашайсыңар, кандай жумуш жасаарыңарды силерге ушулар айтат, - Индира өзүнө караштуу бөлмөгө кирип кеткенде тигил кыздардын бири ал үчөөнө карап:

- Салам кыздар, эч тартынбай буйумуңарды койуп жайлана бергиле. А жумуш болсо кечинде болот, - дегенде Айнура озуна сурап калды:

- Кечинде, ал кандай жумуш?

- Анан көрөсүң, көнөсүң кандай жумуш экенин өзүңөр деле байкап көрөсүңөр да, андан көрө кардыңарды тойгузуп кечки жумушка даярдана бергиле!

Айнура анын сөзүнөн баарын түшүндү: "демек, мен качып эч жакка бара албаптырмын да, көрсө бул жер сойкукана окшойт.. Эмне кылсам, кетип эле калсамбы же тобокел деп иштеп көрсөмбү?" деп өзүнө-өзү кеңешип ордунан жылбай туруп калды.

- Анда таанышып алалы, менин атым Айчүрөк. Булар Махабат, Гүлжан, Астра, Урматкан, Гүлназ, - деп ар биринин атын атап бирден көрсөтүп жатты Айчүрөк деген кыз.

- Мен Жийдегүлмүн.

- А мен Оңолканмын

- Айнура, - эң артында ыргылжың болгон ал атын айтып же кетээрин же калаарын билбей башы маң болуп атты. Акыры артка жол жок экенин сезе: "жумушту ушундай баштадым, эми көрө жатаармын" деген ойдо кийим салган баштыгын көтөрүнүп өйдө өтүп отура кетти. Индира ошол бойдон көрүнгөн жок. Кечке маал кыздардын баары бөлмөдөн чыгып Алматинский көчөсүнө ээрчише жөнөп калды. Айнура да кетип барат: "көрө жатаармын, эмне экен, акчасы жакшы да жумуш жаманбы? Иштей берейин" деген чечимге келип баратат. Жанындагы кыздар мурунтан эле иштеп көнүп калганбы, денелерин ачып, киндиктен ылдый гана шортик, эңкейсе баары көрүнүп тургандай юбка кийип алышып баратат, а Айнура жаңы алган кийими менен алардын артында. Бойонгон дагы жок. Кыздар чогулуп комоктун жанына туруп калды. Айнура ошондо көрдү Индира машинанын ичинде отурганын. Айнуранын жанына бир машина келип токтоду да:

- Сүйлөшсө болобу сиз менен? - деп башын чыгара сураганда ал эки жагын карай уялып ары басты. Анын ары басканын көргөн Индира машинадан чыгып бери басып келди да:

- Сизге эмне керек? - деди шоферго.

- Кыз керек.

- Саатынабы же ночкобу?

- Жагып калса ночко деле алып кетем.

- Сизге кайсы кыз жагат, айтыңыз булар менин кыздарым.

- Тээтиги сары кызды бериңиз.

- Эң сонун, - Индира клиентке эңкейе шыбырады, - ал жаңы келген эң таза, баасын да жогору төлөйсүң, уялып жатат, мен сизге аны кошуп берем. Кабатыр болбоңуз! - деди да кылтың, кылтың эте эткээл кыска, бойу өзүнө жарашпаган кыска мойнун бура Айнураны чакырды. Айнура анын жанына келгенде, ага жалпактай карап:

- Сага жумуш керек да туурабы? - шыбырап койду Айнура качып кетчүдөй жасакерлене, - Бул киши абдан маданияттуу адам экен, сени эч кандай нааразы кылбайт.

- Кайда алып барат экен? - Айнура андан тарткынчыктай сурады.

- Эч кабатыр болбо, мен бүт баарына жооп берем, эгер бир случия болсо булардын кокосун жулам, анткени машинанын номерин да жазып алам, - ушул арада турган кыздарга клиент келип кыздар топтошуп машинаны тегеректеп калышты:

- Байке, мени алып кетиңизчи, мен сизди нааразы кылбайм!

- Мени алыңызчы байке, абдан жакшы тейлейм!

- Мени деле алыңызчы байке-е, - деп ар кимиси ар жагынан чыкканда клиент машинанын эшигин бекитип жүрүп кеткени калганда Индира кыйкырып калды:

- Эй жалаптар, жакшылап сүйлөшпөйсүңөрбү! - Кыйкыраарын кыйкырып, койуп Айнураны жактырбагандай кабак бүркөй карады да, - бол эрте, клиентти күттүрбөй жөнө! - Айнура акырын келип машинага отурганда Индиранын кабагы ачыла клиентке жадырай күлүп жөнөтүп калды: - Кечиңер көңүлдүү өтсүн!

- Рахмат! - машина ордунан жылып кеткенде Индира берки кыздарды көздөй басты, - Ушу силерден көрө өзүм иштеп кетсем давно кетмекмин, күнүнө жок дегенде бир-эки иштебей туруп дагы ичип-жейсиңер, - бери жакта кыздар менен турган Аселге кайрылды, - Эй, уйдай болуп жеп-ичип кышылдап жүрө бербей күнүнө бир жолу "иштеп" койсоң боло, "кудай берди, Индира багат" деп жонума минип албай!

- Клиент чыкпай атса эмне кылайын, - Асел ага күнөөлүүдөй унчугуп кабагын сала энесине таарынгандай туруп калды. Бир кезде аркы өйүз, берки өйүз болуп клиент күтүп турган кыздар дүргүп эле качып калды. Ары көздөй мост жакка жүгүрүп бараткан кыздардын бирөө шиш така өтүкчөн чуркап баратып тизелей жыгылып калды эле, аны "отметка" алуучу милициянын бири желкелей кармап калды. Көргөн киши боору ооругудай, то-боо-о! Тим эле киши өлтүргөн эмени колго түшүргөндөй ансыз да такасы ыргып кетип жыгылганда тизеси сыйрылып канаганына карабай мыкаачылык менен жетелеп келип, машинасына салды. Ошол байкуш кызда эмне күнөө? Турмуш кыстаган тагдырыбы? Сулуулугубу? Бечара, сойку десе жек көргөнүбүз менен ал байкуштун аргасы канча? Квартира акысын төлөп, тамак ашын алып бергени үчүн, кийинтип күндүк жол каражаты үчүн "мамасы" ага эч нерсе карматпаса, экинчи жактан органдын кызматкерлери "отметка" деп шылтоолоп сулуу кыздарды алыстан келген досторуна көңүл ачууга "подарит" этсе. Өз мекенибизде өзүбүздүн кыздар ушинтип кор болгуча көздөн далдаа тээ Аравияга, Америкага сатылып кетип калганы деле дурус деп ойлойсуң буларды көрүп туруп...

Айнураны алып кеткен Сталбек деген жигит абдан жакшы экен, ал адегенде элден четкерээк кафеге алып барып тамактанып отуруп аны сөзгө тартты:

- Айнура, көптөн бери иштейсиңби?

- Жок…

- Кайдан келдиң эле?

- Алайкуудан, - ал дайыма жашырып калп айтып койот.

- Эмне себептен биерге келдиң?

- Мен… мен… - Айнура негедир көптөн бери бугу ашып ташыгандай буулугуп ыйлап алды да, - Ошондой байке, болоор болбоско таарынып, ата-энемди да түйшүккө салып, өзүм да азапта калдым, - ачык айтпай бүдөмүктөтүп тим болду.

- Даа, да, да-аа, эчтеке эмес Айнура, мен жеке бизнесменмин, эч кимге көз карандылыгым жок, эгер макул десең мен бир шарт койом, ошого көнсөң азыр алып кетем!

- Кандай шарт? - Айнура жаштуу кирпиктери узун, бирок жымшыйган көздөрүн чооң ача суроолуу карады аны.

- Мындай, менин аялым оорукчан, төрт кызым бар, эркек балам жок, эгер эркек бала төрөп берсең, мен сени менен калам, жок сен дагы кыз төрөсөң, кала албайм!

- Кызык, мен кайдан билем дагы кыз болсо кетип калсаңыз мага кыйын болуп калат го?

- Аны билбейм, эркек төрөсөң каалаганыңдай жашатам, менин тапканым түгөл сеники.

- Ойлонуп көрөйүн…

- Сүйлөштүк анда, сен ойлонуп мага жообун бересиң, эмесе кеттик мейманканага, - Сталбек официанткага акысын төлөп Айнураны колтуктай машинаны көздөй басты. Жаш айрымасы бир топ болсо да Айнура аргасыз аны менен катар машинага түшүп отурду. Мейманканага келгенде түнкү саат он бирлер болуп калган эле…

***

Үйүнөн качып чыккандан кийин кээ бирөөлөргө атын Жамийла деп тааныштырган Асылкүл шаарга келип кантип, кандай соода кылаарын билбей бир топ күн жүрүп калды. Акыры бир күнү жашылча-жемиш алып сата баштады. Айылдан качып келгенге тааныштарына жолугуудан коркуп сактанып жүрүп жашылча жемиштерден помидор менен бадыраңды көп алып алып, тачка менен алып келе жатып ошо тачки айдаган орто жаштагы адамга тааныш болуп алды. Талчоктогу кыжы-кыйма элдин аягы төрт бештерде суйулуп калгандыктан ал күнкү товарынын көбү өтпөй калды эле, тааныш тачкиске жолугуп шыпылдай баштады:

- Жоробек, бүгүн товарым өтпөй калды, камерага киргизип берчи.

- Макул, - башка сөз сүйлөбөгөн Жоробек анын товарларын камерага киргизди да: - Бүгүн мени менен көңүл ачканга кандайсың? - деп сурап калды.

- Болуптур, ансыз да ушу жашоодон кутула тажап жүргөндө көңүл ачса ачып койолу.

- Кеттик анда, - Жоробек тачкасын койуп Асылкүлдү ээрчитип батирине келди. Батир демекчи, кичинекей бир гана киши сыярлык бөлмө экен, - ушул бөлмөгө беш жүз сом төлөйм, - ал кайдыгер унчукту да, жуунуп-кийинип алып: - Кандай кылсак, ушерге эле тамак-аш алып келип отурсакпы же атасынын көрү деп кафеге баралыбы?

- Өзүң эле билчи, - Асылкүл аны карап көңүл кош жооп берди, бирок анын ойу кафеге отургусу келип турган.

- Анда мындай, мен бир аз тамак-ашты алып келе койойун, сен туруп тур, үйдө эле эс алалы, - Жоробек базарга кетти. Асылкүл ал келгенче идиштерин жууп, жалгыз бой эркек жашаган бөлмөнү мизилдете тазалап, аны күтүп калды. Көп өтпөй эле Жоробек эки жагына эки пакетке толтура көтөрүнүп жетип келди. Семиз койдун эти менен заматта плиткага беш бармак жасап жиберди Асылкүл. Жоробек болсо кичинекей стол үстүнө баарын жайгаштырып, бир бөтөлкө "Сары Өзөн" арагы менен Коланы койду да:

- Ой азамат десе, аял деген ушундай болуш керек да, карачы кичинекей үңкүрүм өзүнчө эле хандын сересиндей боло түштү. Кел эми, бираз тамактын алдында мындан алып койолу?! - деп эки стаканга толтура куйуп, эки чыныга коладан толтурду да, Асылкүлгө жакын отурду, - Кана, адегенде өзүбүздүн ден-соолугубуз үчүн алып жиберели.

- Кел эмесе, алса алып койолу, - Асылкүл колуна стаканды алганда стакандар кагышып алып ийишти. Экөөнө өз тагдырлары өзгөчө сезилип, өзүлөрүн жан адамдан башкача бактылуудай көрүп атты. Бир бөтөлкө түгөнгөн соң дагы бири, анан дагы ичилгенден кийин экөө эки жерде сулап калышты. Түн бир оокумда Жоробек ойгонду, башы катуу ооруп калыптыр. Столдун үстүндөгү тамак-аш төгүлүп, идиш аяк чачылган. Аларды көрүп өзүнө жини келди, "бир көңүл ачып, жок дегенде аял жытын искеп алайын деген жаным, арактан өлө тургансып эмне мынча ичтим экен, тобо-оо тигинин деле башы ооруп калса керек?" деген ойдо бөтөлкөлөрдүн түбүн карап жатып, биринде жарымынан ылдый арак бар экен, аны көрүп сүйүнүп кетти да Асылкүлдү ойготту:

- Тур эй Асылкүл, башың ооруса мындан жутуп ал!

- Өх, башым ай, - ал ордунан козголо албай башын мыкчыды, - болсо берчи?

- Мына, - Жоробек ага стакан толтура аракты карматты. Экөө баштарынын ооруганына дарысынан сеп этип алып, анан Жоробек экөө төшөккө киришти.

Ошондон баштап алар эрди-катындай болуп соодага бирге чыгып, кечинде чогуу келип жашап калды. Асылкүлдүн ойунда балдары, күйөөсү: "Кантти экен байкуш, азап тартты го, балдарым эмне болду, мен болсо күнүмдүк оокатымды өткөрүп, кардым тойгонго кубанып жүрөм, эгер элдин ата-энесиндей болуп ичпеген болгондо мен деле адамча жашайт белем?"

- Эмнеге ойлонуп калдың? - Жоробек анын ойлуу отурганын көрүп сурады.

- Балдарымды ойлойм, мен го минтип күнүмдүк кардымды тойгузуп жашап жатам, алар кантти десең.

- Энесиң да-аа, мен деле ойлойм балдарымды. Бирок алардын энеси кашында, кор болбойт, мени ойлоп да койушпайт.

- Эненин орду башка тура.

- Ананчы, эне деген эч нерсеге алмашкыс зат тура.

- Айлам эле жок, колуман келсе учуп эле жетким бар. - Асылкүл ойлуу отуруп калды.

Бири-бирин толуктаган адамдардын катарында дагы канчага чейин жашай беришет эле ким билет Асылкүл адаттагыдай эле соода кылып жаткан. Аны тааныш үн селт эттирди.

- Памидор канча? - ал башын өйдө кылып карай салса айылдашы Бермет экен. Бермет узун кулак, көргөнүн жаткырбаган ушакчы аял болчу. Асылкүлдү көрүп эле, - оой, сен ушул жактасыңбы? - деп Асылкүлдү көзүн ымдай акыбалын сураштырып отуруп, - Жүрчү мындай, сенде сөз бар, - Асылкүлдү четке колтуктады эле ал аны жактырбай:

- Бермет, мен товарымды сатып болойун, анан сүйлөшпөсөк азыр убакыт жок, - деди көңүлсүрөбөй.

- Ыя де, сен тим эле укмуш болуп калгансың го, киши экен деп мындайыраак барып айтайын десе, анда угуп ал, үйүңдү процентке.. - деп келатканда Асылкүл аны колтуктап жайдарылана, эч нерсе болбогондой четке өзү жетелей басты.

- Бермет, эмне болуп атасың эми, кана эми айтчы угайын..

Берметти жайкай бал тилге салып киргенде, ал жумшара түштү.

- Көтүң ошол экен го, бая эле ошентпейт белең, үйүңдү болсо процентке алган акчаңдын ордуна Бекболоттон түшүнүк алып бошотуп берген:

- А менин балдарымчы, алар кайда калышты?

- Капырай де, балдарыңдан кабар албасаң, эриңди болсо түрмөгө тыгып койуп анан беймарал жүргөнүңө жол болсун! Же бияктан Бекболоттой да бирөөнү таап алдыңбы? - Бермет кытмыр күлүп койду.

- Койсоңчу Бермет, бала-чаканы багабыз деп эле ушул абалга келбедикпи, күнү-түнү ойлогонум деле ошолор, аргам канча?! - Асылкүл шуу үшкүрүп алды.

- Кой, эми кейибе, балдарың болсо таята-таенесине кеткен, ошол бойдон ошояктадыр?

Асылкүл андан эптеп кутулуунун амалын кылып ошол эле жакын арадагы кафеге алып кирди. Бирден тамак ичип, бираз отурган соң Бермет өзүнүн келген жумушун айтып бир-эки күндө кайра эле кетээрин билдирди да коштошуп жөнөдү. "Шүмшүк, кайдан да келе калды эле, эми бул сөзсүз Догдурбекке айтат, биерден кетпесем болбойт" деген ойдо товарын сатууга киришти. Эртеси ал ордуна чыкпады. Эптеп калганын сатып бүтүп: "Ал дагы келет, ага эми көрүнбөй эле койойун" деп ойлоп Жоробектикине барды кечинде, ага кетээрин айтпай жатып алып эртеси башка майда базарчиктерден соода кылууну ойлоду эле, места табылса жашаар жери жок, үй табылса орун табылбай көпкө жүрүп калды. Акыры жанында азыраак акчасы калганда Касымды кезиктирип калып ичи-койнуна кирип, ишенимине толуп, аны эптеп алдап кетүүнү ойлонуп атты. Анын акыркы үмүтү да, тагдыр жолу да Касымга байланып калгандай анын жумшак мүнөзүнө, калп айтпаган адатына, ишенчээктигине, адамгерчилигине түкүрүп койгусу да келбеди: "Эмнеси болсо да муну сызга отургузам, кыйын болсо таап алсын" деп ойлонуп алып колуна тийген акчаны алып таң агара баштаганда жөнөп кеткен эле…

Асылкүлдүн аты-жөнүн же жашаган айылын так билбеген Касым: "Кудайга койдум, адал эмгегим менен тапкан акчам эле, буйрубасын" деп Касым алапайын таппай кала берген. Чынында Асылкүлгө ал акча буйруган жок. Эки-үч күн изин жашырып жүрүп бир күнү эрте "Дордойго" келип акчасынын жарымынан көбүн балдарына кийим-кече, таттуу алганга бөлүп азыраагын ички жагына кошелокко салып мойнуна илип алды да, чоң чаар сумкадан алып ары жакты бир, бери жакты бир карап ылайыктуусун издеп жүрүп акыры ала турганын тапкандай, сатуучу кызды карап:

- Кызым, тиги футболка менен шортигиңди көрсөтчү! - деп калды.

- Мына көрүңүз, качествасы абдан жакшы, жууп эле кийе берсе өңү өчпөйт, алыңыз.

- Азыр, азыр кызым, эгер жакшы болуп баасы келишсе дагы алам үч эркегим бар, бир кызым бар, баарына кийим-кече алсам дегенмин.

- Эң сонуну, жакшы, баасын төмөндөтүп берем, - деди сатуучу кыз илбериңки.

- Мындан бирди, тиги кичирээгинен экини, анан тиги кыздардын көйнөгүн да бер, аны да алам! - Асылкүл бейкапар ала тургандарын колуна алып, балдарынын кубанганын элестете сумкасына колун сала берип чоочуп кетти да: "Жакшылап карайын, башка жагына салып койсом керек" деп аңтарып келатып сумкасынын боору тилинип калганын көрүп бакырып жиберди, - Аа-ай, ууру алып кетиптир акчамды, туптуура жыйырма миң сом бар болчу! - деп кыйкырып-өкүрүп ыйлап киргенде сатуучу кыз товарларын ары алып койуп туруп калды. Ары өткөн, бери өткөндөр үндөбөй күндөгү болумуш окуядай гана кайдыгер карап өтүп жатышты. Аргасы кеткен Асылкүл ички чөнтөгүнөн каткан акчасын алып арзан кийимден эптеп балдарына себеледи да, айылга жөнөдү. Ата-энесиникине келип балдарынын жүдөө кейпин көрүп ого бетер сыздады, тагдырына таарынды. Иниси Алымбек ага жини келе:

- Балакетке ыйлайсыңбы, элден-журттан качып, өзүңө-өзүң душман болуп алып, эл катары соода кылып же огород иштетип же бирөөнүн малын баксаңар деле ушул абалга келбейт элеңер го?!, - деди, - жоош момун күйөөңдү да каматып тындың!

- Ушундан көрө өлүп эле калбайсыңбы, эл караган бетибизди жер каратып, - энеси кошулуп тилдеди эле Асылкүлдүн ачуусу келе бар күчүн чыгара энеси менен атасына өз өкүтүн айтып кирди:

- Ооба, силерден жаралып тирүү басып жүрбөй өлүп калсам болмок, эми эле уяттуу болуп кеттиңерби, ач-жылаңач эптеп-септеп ушуларды көрүнгөндөн ун, талкан сурап келип жүрүп бактым, кийимим жогунан өзүм теңдүүлөр менен катар басып окуй албадым, жүрө албадым, эми тийген жеримде да жыргап кеткен жашоо болбогонунан өлбөстүн күнүн көрүп тирүү жүргөндөн тажап ушул ишке бардым, - Асылкүл ыйлап да сүйлөп да жатты.

- Ата-энеңдин ушундай экенин көрүп, билип туруп өзүң адамча жашабайсыңбы, балдарың да тартиби жок, ээнбаш өсүп баратыптыр. Таарынсаң тагдырыңа таарын, балдарыңды ала кет! - Алым жоошуй айтты муну.

- Кайда алып барам, айтчы, кайсы жыргап кеткен жашоомо алып кетем, эгер менин келгенимди угуп калчу болсо участковой эмеле келип алып кетет.

- Качпай эле койсоң жездем мойнуна алса сен штраф төлөп балдарыңды бага бербейт белең?!

- Корктум да, мени да камап салат экен деп, андан көрө эч кимдин көзүнө чалынбай жөнөйүн.

- Балдарыңды ала кетсең болмок, антпесең бизди өзүң көрүп турасың, мени менен теңдердин балдары мектепке барып калды, мен болсо үйлөнө албай жүрөм, булар болсо байагы эле, алтымыштан ашса да ичип келип жатып алат, камап койсоң да ошол, - Алым наалый сүйлөдү.

- Бизге ыраазы болгон күнүң болбойт экен го, биз силерди багып чоңойттук, эми кандай жашайсыңар бактыңардан көргүлө, - энеси нааразы болуп жер карады.

- Бактык деп, кайсы кыйратып бакканыңарды айтып жатасыңар, эсиме киргени бирөөлөрдүн балдарынын жадырап ойноп күлүп жаңы кийим кийип, колдоруна ойунчук кармап, түрдүү момпосуй жегендерин көрүп суктанып жүрүп чоңойдум, боору ооруганы балдарынын эскисин берип, калган тамагын берип койсо кубанып калаар элек, же калппы? Ойлонсоңор боло, мынабу, кудай берген жашты сыйлап келин алып неберелерди жетелеп биздин сыйыбызды көрсөңөр боло, кокус өлүп калсаңар кайсы кылыгыңарды, кайсы жакшы сөзүңөрдү айтып эскеребиз ыя?! - Алым ызалуу буулуга сүйлөп жатты, - дагы бактык деп койушат, мына атам заманда курулган үйүңөр кулайын деп зорго турат, элдин бетин чоңойгондон бери мен карай албай келатам, уялам баягынын баласы десе, арданам. Өмүр менен Темир болсо шаарда жүрөт, келсе силердин кайсы ырыстуу төшөгүңөргө жатып кайсы сыйыңарды көрөт, антип жүрүп экөө бузулуп кетеби деп да ойлоном, силер жакшы болуп эшиктин алдына тал-терек, мөмө-жемиш тигип койсоңор ошону элдей болуп сатып биз да эл катары жашайт элек го?!

Алымдын кызуулана ата-энесине айтып жаткан сөзүнө Асылкүл башын ийкей ыйлап отурду. Ал азыр ошол кездеги кошуна кыздын айтканы эсине түшө калды: Анда Асылкүл он, он экилердеги кыз эле, үстүндөгү көйнөгү эскилигинен айрылган жерлери жамалуу болчу. Аны да өзү эптеп тырыштырып жамап алган. Жолдон өзү менен тең коңшусунун кызы жаңы, этеги барпайган кызыл көйнөк кийип алганын көргөн Асылкүл апасына келип:

- Апа, арак ичпей эле койчу, Бүбүсарадай болуп менин көйнөк кийгим келип жатат, эмнеге мага көйнөк алып бербейсиңер? - деди эле апасы кызуу бойдон:

- Алып берем кызым, бир эмес экини алып берем, макулбу? - деп жанындагыларга көзүн кысып каткырып калды, - шашпа, көйнөк элеби?

Асылкүл балалык сезими менен дароо эшикке чыгып ойноп жаткан кыздардын жанына барды да:

- Мага да апам ушундай көйнөк алып берет, - дегенде беркилер карап калышты эле, тигил жаңы көйнөк кийип жүргөн Бүбүсара аны карап ээликтей:

- Мындай көйнөк алып берсе арак иче албай калышат го ата-энең?! - деди эле кыздар күлүп калышты. Асылкүл кайра жүгүрүп кирип:

- Апа дейм, арак ичпегилечи, көйнөк деле кийбейм, арак ичпегилечи! - деп ыйлаганда апасы аны ары түртүп ийип:

- Тур ойно эшикке, ичкенде сенин эмне ишиң бар ыя, бала баладай эле болсо...

Ушул жерге келгенде:

- Бизди бакпасаңар карылар үйүнө алып барып койгула анда! - деген апасынын үнүнөн селт эткен Асылкүлдүн ойу бузулуп кетти.

- Аерге көп ичкендерди албайт, ким эле мастар менен алышкысы келсин, - Алым жини келе сүйлөдү, - аерде да ичип алып мушташып отурсаңар ким жакшы көрмөк эле?

Бул кыжылдашуу бүтпөсүн, жыйынтыгы жок кайым айтышуунун эч натыйжасы чыкпасын билип аргасы түгөнүп, каңырыгы түтөгөн Асылкүл эки кичирээгин, кызы менен баласын алып кетүүнү чечип ордунан турду да:

- Айла канча, силерден айла жок, тигил чоңураак экөө калып турсун, кызым менен кичинекейимди алып тезирээк биерден жоголойун, - деп жанында турган Адина менен Мирбекти жетелей жөнөгөндө беркилери апасын, аны менен кетип жаткан экөөнү карап кала беришти.

Эки баласын шаарга ээрчитип келип алып кайда барып түнөөрүн, кандай жумуш иштеп жан багаарына башы жетпей чоң базарды кыдырып жүрө берди. Ушул заманда бейбечараларды да, байларды да багып келаткан Ош базары түркүн сырлардын, түркүн тагдырлардын күбөсү болгондуктан Асылканды эки баласы менен батырууга кудурети бар эмеспи. Ал бир кезде рулет көтөрүп жүргөн кызды токтотту:

- Ай чоң кыз, алдагыдан берчи, канчадан?

- Бир сомдон, - кыз даярдап айрып алган гезиттин бөлүгүнөн алып ар бирин карматты.

- Муну ким жасайт?

- Өзүбүз.

- Сатканга киши албайсыңарбы?

- Мен билбейм, апам билет.

- Апаң каерде, мен сүйлөшүп көрөйүнчү.

- Макул, мен муну сатып бүтөйүн, анан ээрчитип барам, - кыз бурулуп рулетин сатканы ашыкты окшойт элди аралап жөнөдү.

- Чоң кыз мен ушул жерден күтүп турайынбы?

- Ооба, келип калам, - Асылкүлгө басып баратып жооп берген кыз элдин арасына кирип көрүнбөй калды. Асылкүлдө жан жок: "Кеч кирип кете электе жатакана, жумуш таап албасам, балдарым менен кайда барам" деген ой мээсин жеп, тынчы кетип, ары-бери өткөн элдин арасынан тааныш караанды көзү талый издеп жатты. Бир топтон кийин ал келип үйүнө ээрчитип барды. Адеп барганда ичинен таң калып: "тобо-оо, өзү квартирада эле жашайт экен, мен булар "рулетин сатам дегениме көнөбү, же өзүбүздөн ашпайт деп койобу?" деп чачылып жаткан бөлмөнүн ичин бир сыйра көз жүгүртүп, анан майдын ачуу жытына чыдай албай кайра эшикке чыкты. Апасы болсо керек, ипичке сары аял анын жанына келип:

- Силерби, менин кызымды ээрчип келген? - деп сурады да жанындагы уулу менен кызын карап койду.

- Ооба эже, эки балам менен жумуш таппай эле…

- Анда мындай, мен күнүнө үч жүз, төрт жүз рулет жасайм, ошонун жүзүн сатсаң элүү сомдон табасың, колуңан келсе андан көп деле сатсаң ар биринен элүү тыйын калат өзүңө.

- Макул эже, квартира тапканча ушунда туруп турсам болобу?

- Бирок.., бирок биз дагы көп бүлөбүз, эртерээк таап алышың керек.

- Рахмат эже, - Асылкүл кубанып кетти да дароо базарга барып жанындагы бир аз акчасына нан, майда-барат алып келе калды, - Балдарым дагы ачка болду, чогуу чай ичели.

Кечинде чогулганда кудай уруп бир бөлмө үйдүн ичинде басып жүрөр жер калбады. Чынында чоң үйбүлө экен.

Асылкүл таң ата жардамдашып, рулет бышканча кожейкенин айтканы менен болуп жүрүп, жүз рулет даяр болгондо көтөрүп жөнөдү. Мындайда оозуна сөз кирбей "Рулет алгыла" деп айталбай көпкө жүрдү. Соодасы анча болбой жарымын көтөрүп келди эле баягы кызы жаңысына кошуп алып кетип бат эле сатып келип калды. Эртеси дагы чыкты, анын эртеси да, анан акырындап көнө баштады. Асылкүлдүн ичкен адамдан көңүлү калган жайы, рулет жасаган аялдын күйөөсү экөөнүн тең тапкан акчасына ичип алгандары жакпады. Аргасыз иштеп жүрүп бир топ акча жыйнап алды, анын чыдап иштеп жатканынын себеби жатаканасы бекер болуп, балдарынын курсагы ток болуп ойноп жүргөнү эле кубантат. Аңгыча кыш айлары кирип келгени аны көп түйшүккө салды, эки баласы менен өзүнө жылуу кийим баштан аяк керек эле. "Мына батир таап чыгып кетем" деп жатканда кышкы кийим-кече алып кайрадан иштөөгө туура келди. Убакыттын өткөнү менен жүрөгү сыйрылып айылда калган балдарын, камакта жаткан күйөөсүн эстеген менен жолу болбой улам биринин бутун бүтүндөсө бириники жыртылып, анан өзүнүкү жыртыла берип бутуна тура албай тапканынын берекеси болбоду. Күн суук эле, базар ичинде: "Ысык рулет алгыла" деп кетип жатса бет маңдайынан Касым чыга калбаспы. Жүрөгү "болк" эткен Асылкүл бурула бергенде:

- Жамийла! - деп чакырды эле байкамаксан болуп кете берди, эптеп андан алыстаганга аракеттенди эле Касым жетип аны карыдан алды, - Эй уяты жок, эмне мени тааныбай калат дедиңби, бас азыр милицияга!

- Сен кимсиң, мен сизди тааныбайт экемин! - Асылкүл ага бейтааныш адамдай карап такыр көрбөгөндөй түр көрсөттү, - сиз мени бирөөгө окшоштуруп жатасыз го?!

- Акмак, жүзү кара, сени тааныбай калсам элеби, жүр азыр бул жакка! - деп Касым аны колунан жулкулдата баштаганда жанынан өтүп бараткан милиция кызматкери экөөнө көңүл буруп токтоп калды.

- Силерге эмне болду?

- Бул аял мени эки-үч ай мурун сызга отургузуп качып кеткен, эми мени таанымаксан болуп турганын кара.

- Сиз бул кишини тааныйсызбы? - милиция кызматкери Асылкүлдү карады.

- Жок айланайын, эзели көргөн эмесмин, өзүм балдарымды зорго багып жүргөн аялмын, мени бирөөгө эле окшоштуруп жатат окшойт.

- Эй жаны жок, шуркуя экенсиң го, кантип ушуну айтып жатасың ыя? - Касым күйүп кетти.

- Жүргүлө, тиякка барып такташалы, - аларды милиция ээрчитип бөлүмгө алып келди да, териштирип кирди: - сиз эмне болуп алданып калдыңыз эле?

- Бул аял такыр төрөбөгөнүм үчүн күйөөмдөн ажырашып кеткем деп мени менен он беш күн жашаган, - Касым болгонун болгондой айтып берди.

- Он беш күн жашаган, эч дарегин, аты-жөнүн так билбеген аялга ошончо акчаны кармата салдыңыз беле?

- Ананчы, бул бүт менин ишеничиме кирип алган да ишенгемин.

- Та-ак, сиз бул кишинин айткандарына эмне дейсиз?

- Мен баары жалган деп гана айтам, бул киши жаңылып эле жатат, - Асылкүл "эми чындап кармалбагандай элем" деп кыпылдап атты, - Айланайын, бирөөдөн алып сатам, муздап өтпөй калса кечинде балдарым ачка калат, анан да үч-төрт ай мурун мунун акчасын алсам ушул элүү тыйынга күнүм калат беле? - Асылкүл ыйламсырап ийди, - Өзүм эки балам менен жаңы эле келдим, жумуш жок, эптеп ушуну сатып күн өткөрүп жатам.

- Жанын жейт! - Касымдын күйбөгөн жери күл болуп кетти, - мага окшогондордун канчасын алдадың экен?

- Жетишет, сиз да көп эле сүйлөй бербеңиз, тактайлы. Текшерип көрөлү, анан… - Милиция Асылкүлдү карады, - Буга өзүңүз жөнүндө толук жазыңыз, кайдан келгенсиз, паспортуңуз барбы? - кагаз, ручка берди.

- Жок, жоготуп жибергем.

- Анда аты-жөнүңүздү, туулган жылыңызды, жалган эмес чындыкты жазыңыз. Атыңыз ким?

- Асылкүл, - Ал аргасыз туулган жылын, келген айылын толук жашырбай жазды: "Эми өлдүм, чындап колго түшө турган болдум", деп ойу онго бөлүнө түшкөн Асылкүлдү Касымдын үнү бузду:

- Бети жок, кайсынысына ишенеримди билбей калдым. Деги адамдар эмне болуп бара жатат?! Жамийла дебедиң беле мага атыңды, эми Асылкүл болуп кеткенин, - Касым кыжынып жатты.

- Ай эмне эле мага ачууланып жатасың, атым Асылкүл болсо Асылкүл дейм да, анан эмне дейин? Жамийла башка аялдыр, мага көп эле чочоңдой бербе, көргүлүгүңдү көрөсүң! - Асылкүл кара күчкө сала ага кыйкырды.

- Көрсө мен иттик кылган экенмин да. Сага толук ишенип, бир жыл, эки жыл өтүп кетсе да мейли эле тааныбай калгыдай, кечээ эле көрүп койнума жатып, маңдайлаш отуруп тапканымды ичип-жеген катын элең го?!

- Болду айтышпагыла, сиз дагы мага даанараак кылып толук аты-жөнүңүз менен дарегиңизди таштап кетиңиз! - Касым ал берген баракка жазып туруп аргасыз чыгып кетип жатып, - бул аялды РОВДга ээрчитип барып арыз жазып койойунбу же өзүң тактап бересиңби тууган? Бул аферист болуп бүткөн болсо керек, мен муну колдон чыгаргым келбей турат, таптырышым керек акчамды.

- Мен сизге тактап берем. Байкаңыз бирок, чындап эле бул аял башка болуп калса муну оскорбит эткениңиз үчүн айып төлөйсүз, адамдык укук деген бар, билесизби?

- Эң сонун билем, дал ушул эле аял! - Касым ачуулана чыгып баратып, - Тууган, сизден кабар алып турам, - ал бир нерсени ойлоно калып, - Эгер мага так адресин берсеңер өзүм эле билип келет элем.

- Биз өзүбүз эле тактайбыз, келип кабар алып туруңуз.

- Болуптур, бул эми дайынын таптырбай жоголот го, баары бир көрүшөбүз! - Касым чыгып кетти.

- Так жаздыңызбы, күйөөңүз барбы же жокпу?

Асылкүл какай түштү: "Эмне кылсам, болгонун болгондой айтып эле койсомбу же эптеп изимди жашырып дагы орун которуп жүрө турсамбы, булар менин дарегим менен оңой эле таап алышат, эми кандай кылам, кудайым ай!" деп нес боло милициянын сөзүн укпагандай көпкө тунжурап отуруп калды.

- Айтпайсызбы, күйөөң барбы деп атам?! - Асылкүл селт этип алды да өкүм үн чыкканда:

- Жок! - деп жооп берип: "Тобокел, көрө жатаармын, эми биерден да кетишим керек!" - деп ойлоп улутунуп алды. Милиция эңкейип кагазга бирдемелерди жазды да:

- Кете бериңиз! - деп койду көңүлкош. - Дарегиңизди жазып койдуңузбу? - ал чыгып бараткан Асылкүлдү токтото сурады.

- Ооба, жазбадымбы.

- Бул жерде кайдан келгениңиз эле жазылып турат, азыр жашап жаткан квартираңызды жазбайсызбы!

- Айланайын, мен кайсы көчө, канчанчы үй экенин деле билбейм, таап барам, мынамуну сатам, ошону сурап албапмын.

- Болуптур, өзүм таап алам, - дегенде Асылкүл бөлүмдөн чыкканча шашты.

Анын муздап калган рулети өтпөй кыйналды, кечинде келип калганын тапшырды да:

- Эртең балдарымды жуунтуп, киркок жууп алайын эже, кирлериңиз болсо бериңиз кошо жууп койойун, - деп шыпылдады.

Кир толтура, - деди кожейкеси, - жуусаң жууп кой, - күндө түшкө чейин рулет жасап улам түшкөн акчасына күйөөсү экөө ичип жатып алып жүргөн неме кирин жууп берейин дегенге кубанып кетти. Эртеси кечке кир жууп, балдарын жуунтуп үйдө болду, анын кыймыл-аракети жумуш жасап жаткандай көрүнгөн менен санаасы санга бөлүнүп: "Эми кайда барып баш калкалайм, деги балдарым кантти экен, кантет" деген ой мээсин мите курттай эле жеп жатты. Базарга товарын көтөрүп чыгып алып бирин-экин адамдар алып калса токтой калып ошол арада квартира, жумуш издеп жүрдү. Бир кезде: "Уй сааганга бир аял керек" деген жарыяны угуп сураштырып тапты да:

- Байке, мен айылдан жаңы эле келгем, малды карап, уй сааганды жакшы билем, - деди жалооруй.

- Балдарың барбы? - деди аны сынай караган орто жаштагы адам.

- Ооба, эки балам менен батирде турам.

- Анда болбойт, бизге жалгыз бой аял керек, жумуш көп, -

- Мен баарын жасайм байке, эки балам деле колумду кармабайт, кайра жардам берет, - Асылкүл ыйламсырап ийди.

- Жок болбойт! - деген тигил адам айланасындагыларга карап: - силер да жарыяны угуп келдиңерби? - деди.

- Ооба.

- Кандай шарты бар, айлыгы канча болот? - дешип сурап киришти.

Аларды көз токтото карап турган адам бир чекесинен сурап кирди. Баарынын бала чакасы бар, күйөөсү бар же жаш. Акыры баарын таратып Асылкүлдү карап калды.

- Сенин күйөөң барбы?

- Күйөөм жок! - Асылкүл дагы шыпылдай жооп берди. "Айнып калабы, албай койобу" деп чыйпылдап жиберди, - айлыгыңдын көп азына деле карабайм, эптеп эле жашай турган жай менен ичкен жегенибизге жетсе болду.

- Болуптур, бир шартым бар, ошону айтайын, - деп элден окчунураак ээрчитип барды да, - Сиздин күйөөңүз жогу чынбы? - деди дагы бир жолу тактай.

- Ооба.

- Анда мындай, сиз барган үйдүн ээси аялы жок киши. Эки-үч айга чейин айлык акыңызды берип турат, эгер жагып калсаңыз сиз ага турмушка чыгасызбы, деги эле күйөөгө тийүүгө көңүлүңүз барбы?

- Мм, мен күйөөгө тийүүнү деле ойлобой калдым, ушул заманда күйөөнүн кереги жок деп ойлойм, - Асылкүл өзүн токтоо, акылдуу көрсөткүсү келди.

- Кыскасы шартты айттым, бара көрөсүз да, жүрүңүз анда, - ал киши сөз арасында өзүн Шамшы деп тааныштырды.

- Туура, бара көрөйүн, дароо жооп бериш кыйын го, анын үстүнө ал кишини да байкап көрөйүн, балдарыма кандай мамиле кылат.

- Ал киши менин бала кезден берки досум, абдан жакшы адам. Эки жыл мурун аялы кайтыш болуп калып, жалгыз калды. Балдары өз тиричилиги менен өз алдынча кеткен.

- Ошентсе да… - Асылкүл Шамшынын катарында ойлуу кетип баратты.

Үсөн абдан жакшы турат, там ташы заңгырап, бак дарагы өзүнчө эле керемет дүйнө, мөмө-жемиш бышкан кезде жыты аңкыган алмурут менен алманын шагы ийилип, көргөндүн көз жоосун алат. Короодо малын бакканга атайы малчысы бар. Бирок баардык жагынан бар болуп турса да: "Кандын тузу кемиптир" дегендей үйбүлөлүк жайы кейитип, аял издөөгө аргасыз болушкан. Асылкүл келгенде ага жашай турган бөлмөсүн көрсөтүп, анан уйлар байланчу сарайды тааныштыр жүрдү:

- Эртеңден баштап ишке кириңиз, айлык акыңыз айына эки миң, - деди андан кийин.

- Макул байке, адегенде жумушту баштай берсек, анан көрө жатаарбыз.

- Ооба, туура айтасыз. - Ошону менен сөз бүтүп, Үсөн үйүнө кирип кетти. Асылкүлгө ушул адам негедир жагып турду. Кызыл жүздүү, али кайратынан тая элек бул киши алтымыштын кырындагыдай эле сезилди.

Ошентип ал эки баласы менен кенен кесир ак ичип, тамакты кенен жеп ээн жайкын жашай баштады. Жумуштун баарын жасап, кол аякка жарап калган балдарынын оорчулугу жок, баарына жетишип жаткан илбериңки Асылкүл Үсөндүн көөнүнө жакты. Аялдын колу тийген, аял жашаган үйгө береке кирип калат эмеспи, бул арада балдары, кыздары күйөөлөрү менен келип аны сынап кетишти. Аны сезип, байкап жүргөн Асылкүл ичинен жымыйып: "шашпагыла, менин ичимде эмне жатканын кайдан билесиңер, мен силерге бүлө боло албайм го, бирок соо кетпейм, сөзсүз күйөөм менен балдарыма бара турган болуп кетем", деп ойлоп алып, кайра: "тынч эле беш-алты айдын акчасын алып сый кетсемби, Касым да жөн жатпай изилдеп жаткандыр?" деген ойдо колуна тийген акчанын бирин коротпой катып жатты. Арадан зуулдап алты ай өтүп кетти. Үсөн туугандары, бала-чакасы менен кеңешип: "Күткөндө эмне, купулга толду, дурус эле келин экен, нике кыя бергиле" деди эле, алар макул болуп камынып калышты. Үсөн ошол күнү шаардагы келин-уулуна өзү барып жолугуп келүүгө жөнөдү. Асылкүлгө кетип баратып минтти:

- Асылкүл, мен кечке келип калам, эртең үйгө конок келет, эки жагыңды жыйнап тур, - деди да чыгып кетти. Ал кетип жатып мурун кулпулап кетчү үйүн ачык таштап койду. Асылкүл анын үйүндөгү эски сандыгында катылуу акча бар экенин билчү, бирок канча экенин даана билбейт. Анын ойу бузулуп: "Эмне кылсам, сандыгын ачып көрсөмбү?" деген ойдо балдарына эшикти каратып койуп үйгө кирди да, сандыктын ачкычын ары салдыра бери салдыра кармалап көрүп "оңой эле ачылчу кулпу экен" деп кайра чыгып короодогу жерге кагылуу узун, ичке казыкты сууруп келип кулпунун сабына киргизип эки, үч жулкканда ачылып кетти. Жүрөгү "дүк", "дүк" этип өзүнүн эмне кылып жатканын да элес албай шашкалактап аңтара баштады. Кудай уу-уур, бир кезде түйүнчөккө түйүлгөн бир нерсе алып ача койсо көк жашыл акча жалаң миң сомдук, дагы түбүн чолуп карап көрдү эле, кичинекей бетаарчыга оролгон түйүнчөк урунду. Аны да шашып-бушуп чечип көрсө күмүш билерик, алтын сөйкө, бир жагы сынык, алтын шакек жүрөт. Аларды көргөн Асылкүлдүн чыдамы кетти: "Эмне экен, мен минтип бирөөнүн көзүн карап, жоктун азабын тартып жүрсөм, мынча байлык бирөөнүн сандыгында катылып жатса, ушу да жараткандын теңчилигиби? Кой, көп турбай буларды алып дайынымды таптырбай жоголсом кантет?" деп ойлоп, дароо түйүнчөктөгү акчага кошуп билерик менен шакекти бекем түйдү да, балдарын жетелеп чоң жолго чыгып, маршруткага жетип жөнөп кетти. Кант-Бишкек маршруткасы менен ал жөнөп кетээр менен Үсөндүн досу Шамшы келип үйдөн аларды таппай калды. Качан гана Үсөн келип сандыктын оозунун ачык экенин көргөндө өзүн башка койгулап отуруп калды. Анткени анын кемпири өлгөндөн бери коротпой катып жүргөн акчасы, мал сатып кошкон акчалары биригип сексен миңден ашык эле, анан кемпиринин күмүш билериги менен алтын шакегин кошо алып кеткенге ого бетер күйүп, күйүп кала берди. Милицияга берди, колунда сүрөтү да жок болгону Асылкүлдүн эки балалуу Асылкүл деген аял деп гана айтып толук аты-жөнүн айта албады. Бирок жетимиштен өтүп, пайгамбар жашка келген адамдын каргышы оңойбу, оң-тетири бата берип үч маал каргап балдарынын алдында уят болуп калды. Анткени балдары кээде акча сурап келе калса даяр акчаны бергенден оорунуп, мал сатып берээр эле: "Эмнеге аны катып жүрдүм, керегиңерге жараткыла деп" эле балдарга берип койбой не болдум, же жаш болбосом акчаны бир ишке жумшагыдай, баса балдардын деле оокаттары ойдогудай эмеспи, деги мага чала!" деп өзүн-өзү тилдеп кайрадан алаканын оң-тетири кылып каргап кирет: "Өмүр бойу бирөөнүн буйумуна, жашоосуна көз артып жүрүп өт, укум-тукумуң жарыбасын, жарыса жукпасын, оомийин!" деп ары басып, бери басып алапайын таппай кетет.

Асылкүл Ош базарына барып, андан ары Беловодскиге жөнөдү: "Шаардан алысыраак кетишим керек, атымды, айылымды өзгөртүп албасам болбойт", деп баратты ичинен. Ал күнү эптеп бирөөнүкүнө кудайы конок болуп жатып калды, сүйлөп отуруп ойундагыны айтты:

- Мен ушул айылдан арзаныраак там издемек элем, табылаар бекен?

- Эмнеге табылбасын, табылат, - деди үй ээси, - Акчаң даяр болсо жакшы үйлөр көп сатыла турган.

- Акча даяр, эгер үйдү көрүп жакса алып деле койом да эже.

- Андай болсо эртең издесең четинен табасың.

- Ырас болду, убара болбой табылып калса, арзан үйлөрдү билбейсизби канча экенин?

- Эң арзан үйлөр жыйырма беш, отуз миң, ал эми кымбат үйлөр бар алтымыш, жетимиш миңден жогору.

- Ий-и, арзанын эле алып туралы.

- Чамаңа карайсың да.

- Ооба эже, шаардан үй алуу кыйын экен, анан биякта үй арзан деп угуп калып атайы ылайыгы келсе алайын деп келгем.

Ошентип Асылкүл да үйгө жатып калды. Түйүнчөктөгү акчаны пакетке кийимдердин түбүнө салып башына койуп алды.

Эртеси күн тие айыл аралап сатыла турган үй издеп жүрдү. Көөнүнө толо турган үйлөр кымбат, болгон акчага үй алып алса кантип жашайт. Ошентип эки күн издеп жүрүп бир үйдү жактырды да, жалдырап жатып отуз беш миңге алды. Үй ээсинен тил кат алды, документим келгенде оформлениесин өзүбүз бүтүрүп беребиз деген. Үйдү ачып ичин бир сыйра шыпырып тазалап бир аз төшөнчү-жууркан менен палас алды да, жашай баштады. Ал азыр колунда акча бар, бирок эркиндик жок, эмне кылаарын билбей ойлонуп башы катып отуруп бир ой мээсине кылт дей түштү: "Чачымды кырктырып туруп аты-жөнүмдү өзгөртүп паспорт алайын" деп ойлоду да эртеси Дордойго барып модалуу кийимдерден алып кийинди да, салонго кирип чачын жасатканда чындап эле өзгөрө түштү. Аңгыча арадан үч ай өтүп кетти. Ошол жашаган жеринен бир Россияга каттап жүргөн келин менен таанышып калды. Ага паспорт жөнүндө айтып калды эле ал мактанып кирди:

- Ой паспорт эле керекпи, азыр мен бирөө менен таанышмын, заматта жасатып берем, акчаң болсо эле болду.

- Канча берсем болот? - Асылкүл үмүттүү карады.

- Он миң берсең мен үч күндө даярдатып келип берем.

- Болуптур, бирок сен биринчи жарымын алып бүтүрүп, колума алганда калганын берем.

- Макул, сүйлөштүк анда. Сен аты-жөнүңдү, туулган жылыңды, айылыңды жазып бер мага.

- Мейли, биердеги жашаган жерди эле жазып койбойунбу?

Эмнеге болбосун, иши кылып алып берем дедим, алып берем! - Ал ишенимдүү айтып жатты. Чынында Асылкүлдүн документинин баары бар эле болчу, болгону аты-жөнүн өзгөртүү үчүн далалат кылып жаткан. "Изилдеп калса мен башка фамилия менен болсом танып кеткениме да жакшы" деп ойлогон. Ал ойлогондой болбоду, эртеси эле тигил келин митиркесин алып келсин деди деп айтып келди. Ойунун ордунан чыкпасына көзү жеткен Асылкүл үйдү ошол өзүнүн эле атына котортуп алды да, көңүлү тынып калгандан кийин айылга такси менен барып түндөп эле эки баласын да алып баса берди. Балдарынын кейпин көрүп жүрөгү сыздаган менен: "катып жүргөн акча менен чоң бизнес кылып жашап кетпей жаным жокпу, балдарды эптеп окутамын кеч болсо да" деп энелик камкордугун көрө баштады. Көөнү тынып, өзүнүн качкын экенин унутуп, эркин жай адамдай жашоого умтулуп, катылган акчасы болсо да жетпеген адам катары көрүнүүгө аракеттенип эки чоң баласын ээрчитип алып дунгандардын огородуна иштей баштады. Ал ошентип балдары маңдайында, үстүндө үйү бар көңүлү ток болуп жашап калганы менен, кээде Бекболотту да ойлоп калат: "байкуш момунум ай, азап тарттың го, мен издеп барсам дароо билип калып кармап калса кантем?" деп ойлонуп үйүндө отурса тааныш келин келип калды да!

- Ай, паспорт жасатасыңбы ыя?

- Ооба, жазып бере турган болду.

- Качан?

- Качан болсо, болгондо Россиянын жараны кылып жасамай болду.

- Кайыргүл, сен менин паспортумду адегенде мен жазып бергендей кылып жасатып кел, мен сага өзүңчө эки миң сом берем, он миңден сырткары.

- Сен мага ишенбей турат окшойсуң, макул келе аты-жөнүңдү жаза сал, кийинки жумада колуңа тапшырам бирок эсиңде болсун, айтканыңа туруп дароо бербесең паспортту бербей койом!

- Айтканыңдай болот, колума кандай тапшырсаң мен сага он эки миңди дароо санап берем! - Экөө кол алыша кетти.

Күндөр өтө берди. Асылкүлдүн улуу баласы өтө бейбаш болуп күнү-түнү үйгө жолобой калды. Бир күнү түн бир оокумда келген баласынан кайда жүргөнүн сурады эле айтпады.

- Мен силерди багам деп ушул акыбалга келип отурам, алкаш ата-энемден көрбөгөндү силердин көрөм го десем сен минтип ээнбаш болуп баратасың, деги адамча жашап өтөмбү же жалаң элдин каргышы менен өтөмбү ыя? - деп ачууланды эле баласы кенебей туруп:

- Өзүңө-өзүң кылдың, атамды да каматкан сен, болбосо эптеп өлбөй этпей эле жашайт элек го, өз эмгегиңер менен тапканды билбейсиңер, анан мени ээнбаш деп койот! - деди эле, Асылкүлдүн күйбөгөн жери күл болду:

- Муну кара, өзүңө-өзүң кылдың деп, чоңойуп он алтыга чыгып калдың, түшүнсөң боло, мен болсо качкын болуп туулуп өскөн айылыма барууга зар болуп, ичимен сызып зорго жүрөм, таянганым, ишенгеним силер! - ал ыйлап жиберди.

- Мен күнөөлүүмүнбү, баарына өзүң күнөөлүүсүң! - деп ички үйгө кирип кетти.

- Ок, өлүгүңдү көрөйүн десе, бала деп балапан башымды кууратып жүргөнүмдүн бирин да ойлобойт тура! - деп сыртка чыгып кетти.

Тынчтыктын ичип алганы билинип турду. Асылкүл өткөн өмүрүн эстеп, ушул балдары үчүн ар кандай ишке барып акырында качкын болуп жүргөнүн ойлоп сай сөөгү сыздап сыртка отуруп алып буулугуп ыйлап жатты. Ошондон баштап Тынчтык кээде ичип келип жүрүп акыры бирөөлөр менен уурулукка барып камалып калды, аны Асылкүл билбеди. "Бир күнү эсине келсе үйгө келээр" деп жүрдү. Ар кайсыны ойлонуп бирок жашоо тиричиликтин токтобой өтүп жатканы менен өзүн алаксытуу үчүн кээде келиндер менен отуруп ичип, жеп көңүл ачып калат. Коңшусу өзү курдуу Нурийла ага бир күнү эртең менен келип:

- Ай Асылкүл, сени бир жигит менен тааныштырбайымбы ыя, абдан жакшы киши, көңүлүмө жаккан аял болсо үйлөнөт элем деп жүрөт, - деп калды.

- Билбейм, эч нерсеге көңүлүм жок.

- Койсоңчу, араң отуз тогуз жашта болсоң, сага деле бир күйөө керек да капырай.

- Кой, тынч эле жүрөйүнчү.

- Койбой этпей эле, бүгүн балдарың уктаган кезде биздин үйгө кел, өзүм да келем го, макулбу?

- Көңүлүң калбасын, көрсө көрөйүн, - Асылкүл көңүл кош айтты.

- Бая эле ошентпейт белең! - Нурийла кубана чыгып кетти. Кыязы анын макул болгонуна кубанды окшойт.

Ошол күнү кечинде ал Нурийланын үйүндө отурганда бойу орто, арыкчырай кара тору жигит келди. Алар дасторкон үстүндө таанышып отурушту. Кемел ошол айылдын тургуну экен. Үч баласы менен аялынан ажырашып бойдок жүргөнүнө үч жылдай болуптур. Экөөнүн жылдызы келишип калды бейм, Асылкүл дегеле күлүп жайнап, чечекейи чеч боло ичип-жеп көңүлдүү отурду. Ал ойлонуп отуруп ушул бүгүнкү көңүлү көтөрүлгөнүн эстеди: "Ооба, ооба, Имаш менен отурган акыркы күнү кандай гана бактылуу элем, чынында өзүмө-өзүм кылдым, сыр билгизбей зымпыйып жүрө бергенде эмне, Бекболоттун убалы да мени.." деп суз боло калганда Кемел анын ийнине колун койо сылык сурап койду:

- Сизге эмне болду, ойго чөгүп кеттиңиз?

- Жок, жок ойлонгон деле жокмун, - Асылкүл уялып кетти. Ал күнү Нурийланын күйөөсү болуп төртөө ырдап, күлүп жакшы отуруп тарады. Ошондон кийин Кемел Асылкүлгө көп келчү болду. Ал турсун мүмкүн болсо эртерээк эле үйлөнүп алууну сунуш кылды эле Асылкүл эмне кылаарын билбей аргасы кетти. Балдары менен кызы Кемел келген сайын жаман көрүп үйгө киргизбей койот. Акыры ага ачыгын айтууга тура келди белем, Асылкүл:

- Кемел, менден бөлөк эле аял изде, мен сага бүлө боло албайм, менин күйөөм түрмөдө, кокус келип калса экөөбүздү тең өлтүрөт! - деди эле ал ишенбей:

- Койчу Асылкүл, менден кутулуш үчүн эле айтып жатасың, мага ишенбей жатасың го, үй жайым бар, ата-энем картаң, жашоо кудайга шүгүр, мен сени кор кылбайм, - дегенине Асылкүл болбоду, бирок арачолодо бириге калып күнүмдүк үчүн да бирге отуруп, ал турсун төшөктөш болуп жүрүштү. Арадан билинбей дагы үч жыл өтүп кетти, Асылкүл көңүлү тынгандай: "Эми мени эмне кылып алат эле" дегендей толуп, соодасы да жүрүп үйүнүн ичин толтуруп алды. Колунда акча, үйүндө дүнүйө, үстүндө үйү болгонго өткөнү унутулгандай сергий түштү. Кызы Адина он төрткө чыгып калган, жүрүш-турушу бузула баштады. Айылдагы көчө таптаган кыздарга кошулуп көп басып апасын укпай каалаганын кылат. Асылкүл ата-энесине түндөп барып Бекболоттун поселениеге чыкканын угуп келди да дарегин алып издеп барууну ойлонуп жатты.

ххх

Сталбек эртең менен Айнураны ордуна алып барбай эле бир квартирага алып келди да:

- Ушул жерде бир ай турасың, эч жакка жылбай. Мен келгенде гана чыгасың, мына муну тамак-ашка каалаганда жумша, - деп бетинен өөп чыгып кетти. Айнура таза, салкын бөлмөдө бир жумадай жатты, эрикти. Сталбектен дайын болбоду. Карды ток, кийими бүтүн, колунда акча болсо да адам эригет тура, Айнура абдан зеригип: "Өзү келбесе, мени эмне кылып алмак эле" деген ойдо ордунан туруп жуунуп, жасанып алды да, көчөгө чыкты. Анын жаштыгы бойуна сыйбай, этеги ачылып калган неме эңсей баштады. Бишкектин кооз көчөлөрүн келгенден бери жакшы көрө элек болчу, жөө басып паркка барып андан ары цирк жакка жетип калганын билген жок. Ошол күнү Москвадан келген цирк болмок экен, аны угуп бара жатканда жанына бир машина токтоп калды.

- Ай чоң кыз токто! - Айнура жалт карай берип андан өзүнө тааныш караанды көрдү да тез-тез басып жөнөй бергенде буркуйган семиз неме машинаны айдап жетип келип жанынан жөө түштү да колунан сүйрөп салып кетип калды. Бул Айнуранын биринчи клиенти эле:

- Эмне, мен сага жакпай калдымбы, мен сага башка менен болбо дебедим беле?! - деп сөгүнүп кирди, - деги сойкуну адам деп ойлогон адам жаңылышат, - ал тамекисин бурулдатып үйлөп Айнураны карады.

- Мен эмне, алып алган аялыңыз белем, менин сойку экенимди сиз эле билесизби, мүмкүн аргасыз ошенткендирмин, бирөө мени атайы алдап алып баргандыр…

- Ох,ох,ох, - деп каткырып койду, - сойку десе арданып кеттиңби, анда бул цирктин айланасында темселеп эмне жүрөсүң? - деп кекээрленди.

- Циркке келсе болбойбу, мен жөн эле ойун көргөнү бараткам.

- Бул жерде сага окшогон гана сойкулар менен мамашкалары жүрөт, эч нерсе билбемиш болуп калганын.

- Аны мен билген жокмун, мени койо бериңиз, үйдө агам күтүп калды.

- Агаң күтө турсун! - Ал машинасын зуулдата улам көчөдөн көчөгө өтүп барып бир үйдүн тушуна токтоду, - бүгүн биз менен болосуң, сен менин тилимди албай качып кеттиңби таптырбай, эми мен сени өз билгенимдей кылам!

Ошол түнү Айнураны үчөөлөп түнү менен кыйнады, каалаганындай пайдаланып, эртеси болжолдуу жерге таштап жатып:

- Сойкунун көргөн күнү ушул, дагы тирүү калтырганыма кубан! - деп каалгасын тарс жаап машинасын айдап кетип калды.

Түнү менен кордук көргөн Айнура: "Мен жокто Сталбек келсе ал да мени ушинтип өлтүрүп койгонго чейин барат го?" деп коркуп баягы жашап кеткен мейманканага барды такси менен. Аны көргөн хозяйка аял тимеле кубанып:

- Оо кел кызым, кандай ден-соолук жакшыбы? - деп жайдары кабыл алды.

- Жакшы эже, ооруп ооруканадан чыктым, - деп калп айтты эле ал ишенип калды.

- Жүрү сага эң сонун орун таап берем, - ал ээрчитип барып бир бөлмөгө киргизди. Дароо эле жата кетти, жанчылып, бүткөн бойу ооруп, көргөн азабына ызаланып ыйлай берди: "Экинчи көчөгө чыкпайм, көргөндөр мени сойку деп таанып калган тура" деп ойлонду да эртеси эрте туруп мончого түшүп келип:

- Эже менин агам келдиби? - деп хозяйкадан сурады.

- Ооба, ооба, келген, мен сени өзү жолугам деген десем, бир адрес таштап кеткен.

- Мага бериңизчи?

- Азыр кызым, кайда койдум экен, издеп таап берейин, - деди да ары басты. Айнура бул жашоодон тажагандай бөлмөгө кирип жатып алып шыпты карап көпкө жалдырап көзүнөн мөлтүрөгөн жаш куйулуп мелтирейт. Аны көргөн киши жансыз сөлөкөт жаткандай ойломок, көзүнөн аккан мөлтүр жашы гана анын тирүү экенин далилдегендей. Көпкө чейин ызасы таркабай, бөлмөдөн чыкпай бир жума өткөндөн кийин өзүн-өзү сооротуп: "Мен эмне аты чыккан сойку белем, такыр ал жумушка барбай койсом баары унутулаар, мен да бактымды табаармын" деп Касымды издеп барарын канчалык ойлосо да бети чыдабай: "Эмне дээр экемин, кайда кеттиң десе эмне деп айтам?" деген суроого жооп таба албай жатып "таптым!" деп сүйүнүп кетти да, кол сумкасына даректи салып чыгып кетти. Касым аны көрүп кубанып кетти:

- Ой кандай Айнура, кайда жоголуп кеттиң?

- Мен.. мени айылдан атам келип көрүп калып анан алып барып таежемдикинде көпкө болуп калдым, атам алып кетем дегенинен качып чыгып баягы гостиницага келип сиздин дарегиңизди алып биякка келдим, - Айнура эптеп тапкан жообун бере салды.

- Ой рахмат, мени унутпай келип калганыңа, - Касым анын келгенине жетине албай, - сен отуруп тур, мен азыр, - деди да сыртка чыгып кетти. Көп өтпөй эле бир бөтөлкө вино, гриль, ак суу менен толтура тамак-аш көтөрүп келе калды.

- Мынча эмне убараландыңыз, мен кайра эле кетем, дайыныңызды билейин деп эле… - Айнура ыңгайсыздана түштү.

- Кетчү беле, бүгүн менин коногум болосуң, сүйлөшөбүз-сырдашабыз дегендей… - Касым өзүнчө эле барбалаңдап атты.

Ал күнү экөө бир топко сүйлөшүп отурушту Касым өзүнчө төшөк салып жатып Айнураны кроватка жаткырды. Экөөнүн ортосунда бир туугандай мамиле качан бузулуп кетээри экөөнө тең табышмак. Касым: "Кыз болуп калса эмне кылам, кой чоочутпай эле койойун, акырындык менен имерип алаармын, кокус келин болсочу, анда эркек эмес экен деп ойлойт го?" деп өзүнчө уктай албай ооналактайт. Айнуранын дилинде: "Абдан маданияттуу жигит экен, бир топ улуу болсо эмне экен, үйлөнөм десе макул болуп жашап калайын" деп кыймылсыз мелтиреп жатып көзү илинип кетти. Ошондон баштап Айнураны мейманканага жибербей койду. Кийим-кечесин алып келип кенен бир бөлмөдө жашап калышты. Акыры экөө тең бири-бирин түшүнгөндөй болду, Касым аны менен түбөлүк жашоого бел байлап сырын айтты эле Айнура:

- Мен сизди улуу деп чанган жокмун, уят эмеспи, ургаачынын эркекке өзү чап салганы, - дегенде Касым уялып кетти.

- Кечирип кой Айнура, мен сени кыз болуп калса убалына каламбы деп эле аяп жүрдүм.

- Кыз экен деппи? - Айнуранын көздөрү жашка толо түштү, - Мен күйөөгө тийип чыккам, ошон үчүн качып келгем…

- Ошондойбу, оңой менен сыр ачпаган жан экенсиң, кайдан билем, сандыктай болуп эле жүрсөң… - Касым да, Айнура да үндөбөй калды. Ошентип алар ошол түнү бир бүтүн денеге айланып, бирге өмүр сүрүүгө, өмүрдүн чалкыган деңизинен бирге сүзүп өтүүгө сөз беришти бир-бирине. Айнурага анча бийлик берип, баягыдай колуна акча карматпады: "Качан биротоло жашап калса анан ишенейин, азырынча эрте" деп купуя ойлонуп койот. Тагдырдын сыноосу, жашоонун сыры адам баласына табышмак болуп, алдыда эмне болоорун сезбей өмүр кечирип, жалган жашоодон кантип өткөнүн сезбей калган учурлар болот эмеспи. Касымдын атасы катуу ооруп төшөктө жатканынан кабар келип, ал Айнураны дароо эле жетелеп баруудан тартынды.

- Айнура бир жумада келип калам, атам жакшы болуп калса аларга айтып камынтып койуп экөөбүз биротоло кетебиз, - деди кетээринде.

- Макул, сиз эмне десеңиз мен макулмун.

- Кудай жалгагыр, сиз дебей эле сен дей берчи. Күткүн мени, атам ооруп жатса сени ээрчитип барганым уят.

- Аныңыз туура, мен деле түшүнөм.

- Алтыным менин, сырдуу, кулпулуу сандыгым менин, мен үчүн ачылбаган аалам сыяктуу сезилесиң, жаным! - деп бетинен өөп таксиге түшүп жөнөдү Касым. Айнура Касымды жөнөтүп койуп жол менен ойлуу келе жаткан.

- Айнура! - деген үндөн жүрөгү болк дей түшүп укмаксан боло ылдамдай басып баратканда аны Сталбек карыдан ала булкуп жиберди, - эмне таанымаксан, билмексен болуп кетип жатасың? - Жалт карай берип анын көздөрүнөн заарды көрдү Айнура. - Эмнеге кетип калдың?

- Магазинге бара калсам атам көрүп калып алып кеткен… - Айнура бул жолу Касымга берген жообун айта салды.

- Жок дегенде кат жазып чыкпайт белең?

- Жетише албай калдым, - Айнура өткөндөгү көргөн кордугун эстеп: "Бул да мени кордойт го?" деп денеси титиреп кетти.

- Сага эмне болду? - Сталбек анын бүткөн бойу калчылдап жатканын көрүп чоочуп кетти.

- Жөн эле, сизден коркуп кеттим го?!

- Жинди кыз десе, мен эмне жырткыч белем, сени жоготуп алып жинди боло жаздадым, коркпой эле гой, жүрү машинадан сүйлөшөлү, - деди аны далысынан сылай имерип.

- Жок, жок мени атам таежемкине табыштап кеткен, ал мени өлтүрөт! - Айнура ого бетер коркуп кетти.

- Эч нерсе дебейт, - Сталбек аны колдон ала машинага отургузуп айдап жөнөдү. - Мен сени жакшы көрүп калыпмын Айнура, сени таппай калганда жаман болбодумбу, - деп каткырып күлүп койду, - жадагалса аялым менен сүйлөшкүм келбей, кыздарымды эркелетпей үйгө кээде барсам кээде барбай машинада түнөп жүрдүм, сени издегениме тура он беш күн болду.

- Кайдан издедиңиз? - Айнура байоо сурап койду, ал жанагыдан өзүнө келе түшкөн эле.

- Жолдон, сойкулардын айылынан, гостиницадан, базардан.

- Койуңузчу?! - Айнура ишенбегендей жылмайып койду.

- Өлөйүн.

- Анча карганбаңыз.

- Анан ишенбей жатпайсыңбы

- Ишендим байке, бирок мен барышым керек, кокус бүгүн барбай калсам, анда өлдүм.

- Өлбөйсүң, мен сени өлтүрбөйм, - деп айткыча баягы тааныш квартиранын алдына келип токтотту машинаны.

- Бул жакка мени эмнеге алып келдиңиз, мен сизге чын сырымды айтып жатам го, мени койо бериңизчи?!

Мен сени сагындым жаным, сенсиз менде жашоо жок, эгер мен сага айткандай эле эркек төрөп берсең ата-энеңдин алдына өзүм алып барам! - Сталбек Айнураны качып кетчүдөй жетелеп бөлмөгө кирди да эшикти илип койуп сугалактана өпкүлөп жалынып, жалбарып жатты:

- Алтыным, жаным, сен менден качпачы, мен сени бактылуу кылам, ишенип кой, эгер менден эркек төрөсөң баарын жасайм, айтканыңды аткарам!

Ал күнү Сталбек кетпеди, тамак-ашты толтура алып келип экөө тамактанып отуруп Айнураны кыстап бир аз арактан да ичирип койду. Ал ичип алгандан кийин: "Эмне кылсам экен, Касым мени келип таппай калса жаман абалда калат го, эми көзүнө көрүнбөй эле койойун, эмне болсо да чыдайын. Тагдырым ушул болсо айла канча, төрөсө төрөп берейин, мүмкүн мени менен жашап калса мейли, эгер эркек төрөбөсөмчү?" деп ойлонуп сабыры суз болуп отуруп калганда Сталбек аны эркелетип:

- Жаным, мынча неге сузсуң, көп ойлонбочу, - деп өөп кирди.

- Эмнеге ойлонбойм, мен сизге ачык айтып жатам го, мени эми издешет.

- Издесе издесин, мен сени туура бир жыл кармайм, эркек бала төрөп берсең төбөмө көтөрүп алам.

- Кыз төрөп койсомчу? - Айнура бир азга күлүмсүрөй, сынап карады.

- Анда-аа, анда мен сенин артыңдан баспайм, уктуңбу, колу жолуң бош болот!

- Кызык, мен кайдан билем, эгер каалагандай болсо аялыңыз деле эркек төрөгүсү келсе төрөп алмак да?

- Аны жайына кой, мен сенден гана эркек балалуу болгум келет, - Айнура үндөбөй калды. Сталбек бир жумадай анын жанында болду, тоого алып барып, озерого ээрчитип көңүлүн көтөрүүгө далалаттанып жатты. Айнура аргасыз анын эркине көнүп берди. Кетээринде ал аны сыртынан бекитип кетти.

- Күндө кечке маал келип турам, эрикпей жата бер, - деген Сталбек эки саат өтпөй кайра келди да телевизор алып келип койуп берди, - эми эрикпессиң ээ?

- Билбейм, кайсы күнөөм үчүн камап жатасыз?

- Күнөөң жок, толко өз канымдан төрөшүң керек, сени башкалар менен жүрүп албасын деп жатам! - деди да чыгып кетти. Айнура аргасыз күлүмсүрөп кала берди: "Мейли, кудайдын жазганын көрөөрмүн, Касымга жаман болду, мени таппай калып сөгүнөөр, баса ата-энесине да айтып келем дебеди беле, ой тобо-оо, бат эле сойку атка конуп бир топ адам менен болгонум менен адам ар түрдүү туура. Сталбек менен Касым экөөнүн мүнөздөрү абдан жумшак кичи пейил экен" деп ойлонуп телевизор көргүсү келбей үйдүн ичинде ары-бери басып жүрдү..

Убакыт шар аккан суудай таштан-ташка урунуп дал адамдын өйдө ылдый, ысык, суугун таткан сымал тынымсыз аласалып өтө берди. Бир күнү Сталбек келип:

- Жаным, бүгүн экөөбүз тоого чыгып келеличи, жүрү кийине кал, - деди.

- Эч нерсеге көңүлүм жок! - Айнура кыйыктанса да болбой ээрчитип алды. Керээлден кечке чоң суунун жээгине, талдын көлөкөсүндө эс алып отурушту. Сталбек чалкасынан ойлуу жатып Айнурага колун узата белинен имере кучактап алып:

- Айнура, мен сени кызгана берем, деги мени башкага алмаштырбайсыңбы? - деди көзүн жумуп жаткан калыбында.

- Ал эмне дегениңиз?

- Деги да, никелеп алган аялым эмессиң, баары бир мени күйөөңдөй көрбөйсүң го?

- Аны көрө жатаарбыз, адегенде сиздин заказыңыз болсун, анан кыз болуп калса көтөргөн бойдон кайдадыр кетээрим белгилүү да сизге.

- Эчтеке боло электе эле "кыз" дей бербей уул төрөйүн деп тилек кылсаң болбойбу?! - Сталбек жини келгендей ордунан тура калды.

- Аны сиз тилеңиз, эркек бала сизге керек, а мага баары бир! - Айнура ойлуу айтып койду муну, чынында эле ага баары бир эле да.

- Эмнеге, сен мени менен биротоло калууну каалабайсыңбы?

- Кааласам, каалабасам да атым сойку да, жашаган күндө да качандыр бир кезде айтылат бул сөз, ал эми аялыңыз билип калса мени.. - деп келатканда Сталбек чыдабай кетти:

- Сен эмне деп эле башты оорутуп жатасың ыя, мен сени кордойт деп ойлоп жатасыңбы? Билсең сен үчүн баарына кайыл болуп үйбүлөм менен ажырашууну ойлоп жатам, сойку дей турган болсом сени эмнеге издейм, эмнеге төрөп бер деп жалдырайм? Же сага касам ичип ант берейинби?!

Айнура анын жини келгенде чоочуп кетти. Кайра ага жагалдана ачуусун басып:

- Баары турмушта, жашоодо болчу нерсе эмеспи, ошону айтып жатам, ага эмне мынчалык ачууландыңыз, эгер эркек төрөп калсам аялыңыз менен ажырашпаңыз, ошол баланы сизге берип өзүм кете берем! - деп жылмая карады.

- Сен ошентип ойлоп жатасыңбы?

- Ооба, сиздин жылуу очогуңузду бузгум келбейт ишенсеңиз. Биз дагы алты кызбыз, менин атам деле эркек балалуу болууну ойлот окшойт деп, сизден улам аны аяп жатам.

- Ананчы, эркек уул атанын орун басары, тукум уланткан туягы болот да. Бирок, Айнура, мен сага дагы айтаарымды айта элекмин, сен мага убада берчи, сенден бөлөк эркек менен мамиле кылбайм деп.

- Болуптур, сизге ошол сөз эле керекпи, сизден бөлөк менен болуу ойумда да жок!

- Эгер сени бирөө менен көрүп калсам өлтүрүп салам, уктуңбу?

- Эмне кылсаңыз өзүңүз билиңиз, - деди Айнура кайдыгер гана.

- Мындан ары сени камабайм, кокус мен келгенде үйдө болбой калсаң анда эле өлдүң!

- Түшүндүм. - Айнура дагы эле ойлуу, кайдыгер жооп берди. Ошол күнү кечинде Сталбек бир нерседен кооптонбой, оор жүктөн кутулгандай, айтчуну айттым, эси болсо эми эч жакка кетпес" деген ойдо анын сыртынан кулпулабай кетти. Бир калыпта, жылмайганынан жазбаган Айнура аны узатып кала берди…

Сталбек үйүнө кабагы салыңкы келди. Аялы анын түрүн көрүп: "Бул бирөөнү тапкан экен, уул төрөбөгөн айыбым болбосо буга эмнемен жаздым", деп ойлоп үндөбөй отура берди. Бирок аны да жан дүйнөсүн тынчытпаган санаа жеп жаткан. Ал ички үйгө кирип диванга жатып алганда артынан кирген Сайкал: Сага эмне болду, жумушуңда бирдеме болдубу? - деди акырын жай гана.

- Баары жайында, - Сталбек орой үн катты. Ал азыр Айнуранын: "Эгер эркек төрөсөм таштап кетем, аялыңыз менен ажырашпаңыз" деген сөзүн эстеп аялына жакшы эле мурункудай имерилейин десе да бир күч аны андан алыстатып жаткансыды: "Ал деле адам да, баланы тууп туруп таштаган күндө да энелик жүрөгү сыздайт, а кокус анын мени менен жашаганга такыр көңүлү жоктур, аргасыз менин көңүлүм үчүн, балким коркконунан тургандыр, эгер андай болсо байкап көрөм" деп ойлоп алып Айнураны кимдир бирөөдөн кызганып кетти: "Чын эле мага көңүлү жок го, болбосо эмне үчүн баланы берип басып кетсин, ал мени мен сүйгөндөй сүйбөсө анда аны мен сөзсүз өлтүрүп салам!" деген ойго келди да ушул ойун бекемдеди: "Ким көрдү ит көрдү кылып таштайм, кыйын болсо таап алсын, мени теңсинбегенин көрөйүн" деп кекенип да койду. Сайкал эринин чукул арада өзүнө карабай, үйгө көп келбей бир нерсеге кыжаалаттангандай болуп жүргөнүн сезип жүрөгү сыйрылып кээде ыйлап да алчу болду. Сталбек экөө беш жыл сүйлөшүп жүрүп анан баш кошушкан, ушул жыйырма жылдын ичинде экөө бир жолу да сен, мен дешпеген эле, жакынкы күндөрдөн бери үйүнө келген Сталбек чоочун адамдай болуп өзүн оолактата баштады. Үч кызы катар чоң окуу жайында окушат, эң кичүүсү болсо мектепте окуйт. Сайкал ичинен кан өтүп, сары санаага баткан менен кыздарына билгизбейт, күйөөсүнүн кийимин жууп үтүктөп ар убак көңүлүн бөлүп турат, бирок Сталбек ага сүйлөп же мурункудай кеңешип койбой кийимин которунат да кетип калат. Экөө эки жакта эзилип бүттү. Сталбек ошол күнү да эртең менен эрте туруп аялынын даярдап койгон тамагын ичпей кете берди. Анын кетип калганына ызаланып Сайкал көпкө ыйлады да: "Кой минтип жүрө бергеним болбос, эми келсе ачык сүйлөшөйүн" деп ойлоп чечкиндүү ордунан турду.

Сталбек келгенде Айнура уктап жаткан, шырп алдырбай өзүнүн ачкычы менен ачып кирди да, эч нерседен капарсыз уктап жаткан Айнураны көпкө карап туруп калды. Жаш, мөлтүрөгөн, жүзүндө бир да сепкили жок татынакай кыздын уктап жатышы өзүнчө керемет көрүндө ага, суктанды, кызганычы күчөдү: "Мүмкүн түнү менен бирөөнү алып жатып эмеле кетиргендир, андай шек билинбейт" деп ашканага кирип, кайра Айнуранын жанына келип анын жанын сыйпалап көрдү: "Жо-ок, эч ким жатпаптыр" деп эс ала түштү. Ага тынчтык бербеген бир гана санаа: "Ушул менин өзүмдүн канымдан төрөп береби же ортодо башка бирөөлөр менен жүрүп алабы?" деген күнөмсүнүү туруп алды.

Айнура ал жанына жата кеткенде чоочуп ойгонуп кетти:

- Ой, сиз качан келдиңиз?

- Бая эле келгем, катуу уктап жатыпсың, ойготкум келбеди.

- Ойготуп койсоңуз болмок, - Айнура кийинип өйдө болойун дегенде Сталбек аны тургузбады. Экөө көпкө чейин төшөктө кучакташып жатып оо бир топтон кийин, - Мен тамак жасайын, жай элесизбы? - деди Айнура.

- Сенин жаныңда болсом сел келатса да шашпайм жаным, мага сен болсоң болду, баса сен мени сиз дебей, сен эле дечи, экөөбүздүн эрди-катындан айрымабыз кайсы, бир гана никебиз жогу, болбосо.. - Сталбек дагы бирдеме дейин деп баратып өзүнө кайдыгер мамиле жасагандай түрдө кийинип жаткан Айнураны карап өзүнчө жинденип алды: "Мунун ичинде арамы бар го, мен канчалык үйүрүлүп түшпөйүн, бул мага көңүл кош" деп ойлоду: - Айнура, менин сөзүмдү угуп жатасыңбы, кел жаныма отурчу, - жанын көрсөттү көптөн кийин. Ал жанына отурганда ийнине колун койо минтип ички сырын дагы бир жолу төгүп турду, - Айнура, сенин мага көңүлкош мамиле кылганың кандай, мени жактырбайсыңбы же улуу деп теңсинбей жатасыңбы?

- Ошондой сезип жатсаңыз керек, мен сизге эмес тагдырыма мойун сунуп бербедимби, а тагдырыма сизди жазып койсо кайда бармак элем, - ал ойлуу жооп берди.

- Сизге эмес, тагдырыма баш ийдим деп, - Сталбек туталана анын сөзүн кайталап койду, - А менчи, мен сага киммин? - Айнураны ийинден кармап булкуп жиберди.

- Сизби, сиз мага азыр эч ким эмессиз, болгону менден бир нерсени күтүп жаткан адамсыз! - Айнура анын көздөрүнө тике карап туруп айтты эле, Сталбектин жаны кашайып кетти:

- Эй, сен дале мага ишене элексиң го ыя, мен сага айтып койойун, бүт баарын сен төрөгөндөн кийин баштайм, ажырашам, таштайм!

- Антпеңиз, алардын көз жашы мени оңдурбайт, сиз сураган баланы төрөй алсам мага уруксат берип үйбүлөңүз менен жашай бериңиз, жылуу ордуңузду суутпаңыз, суранам! - Айнура жалдырап көзүнө жаш кылгыра тиктегенде Сталбек анын көздөрүнөн жалтанып ары басты.

- Жок Айнура, мен анте албайм, сени менен калам!

- Кой, андай дебеңиз, мен убалдан, каргыштан корком!

- Эч нерседен коркпо, корксок да, коркпосок да бул жашоо өтөт, сен мени жактырбаганыңдан калп коркуп жатасың го ээ!

- Андай эмес, сиздин айтууңуз бойунча кыздарыңыз мени менен теңдей эле окшойт, алар мага тынч жашоо беришпейт го?!

- Эмнеге антип ойлойсуң, менин аялым да, кыздарым да орус мүнөз, боорукер, түшүнүктүү. Көп акыйлашпайлы, мен сени менен калам, дагы айтам: көз жазгырып башка эркек менен сүйлөшчү болсоң тирүүлөй көмүп салам, ойумдагыдай жүрсөң сенин каалаганыңдай күйөө болом, уктуңбу?!

- Укмуш, - Айнура: "Муну менен акыйлашпай эле тынчы болойун, кийин көрөөрмүн" - деген ойду ойлоп ашканага кирип кетти. Сталбектин жандүйнөсү тынч ала албай диванда жатып ойлоно берди: "Эмнеге эле муну мынчалык кызганам Сайкалды мынчалык кызганбасам керек, же аны мынчалык сүйбөгөнмүн го?" ойлонуп жатып уктап кеткен экен, Айнура ойготуп:

- Тамак даяр болду жүрүңүз! - деди. Кайрадан анын жаштыгынан толуп, чытырап турган денесин, татынакай жүзүн карап: "Буга чынында баары бир экен, азыр Сайкалга айтып чуу көтөрбөй эле туруп турайын" деген ойго келе ашкананы көздөй басты…

Арадан көп өттүбү же аз өттүбү, Айнура аңдабай деле калды, болгону тамак-ашка көңүлү келбей уйкусу келип эле көп жатчу болду: "Ооруп калдым окшойт" деп ойлой: "Сталбек келсе врачка көрүнсөмбү" деп да ойлонду, бирок ал келгенде ага эч нерсе айтпады. Жөн гана башым ооруп турат дегенде Сталбек врачка алып барайын десе көнгөн жок. Жүрөгүнө эч нерсе баспай тамактын жыты келсе кускусу келип, алма көзүнөн өтүп ошол күнү базарга чыккан. Алма алып келе жатып классташы Нурбекке жолугуп калды. Ал Айнура менен жакшы учурашып, окууга келгенин, айылда ата-энесинин издеп жатканын айтып көпкө туруп калды. Айнура андан эртерээк эле алыстап кеткиси келсе да ал сүйлөп жатты.

- Нурбек, мен ооруп аттым эле, квартирада турам, дагы жолугушабыз, мен барайын, - деп жөнөй берди. Үйгө келгенден кийин Нурбектин айткандары кулагынан кетпей ата-энесин аяп ыйлады, канткен менен бара албасын билет. Бир күнү сыртка чыгып баратса коңшу келин аны токтотуп алып:

- Чоң кыз, бул жерде квартирантсыңбы же өзүңөрдүкүбү? - деп сурап калды.

- Өзүбүздүкү, - Айнура чолок жооп берип басып кетээрде ал кайрадан сүйлөп кирди:

- Келип жүргөн күйөөңбү?

- Мм, ооба, - Айнура эмне дээрин билбей такала түштү да: "Күйөөм дебегенде эмне демек элем" деп ойлоп койду.

- Эч ким жашабайт го деп жүргөм, анан эле кээде сен кирип чыгып каласың.

- Ийи, - көңүлкош жооп берди Айнура, - эже, жүрөгүм эле айланып кускум келип тамак иче албай атам, врачка барсамбы дегем, эч нерсеге көңүлүм да жок, капа болбоңуз, - Айнура басып кетип баратканда тигил:

- Ай, бойуңда бар окшойт?

- Эмне дейсиз? - Айнура токтой калды, бойунда болсо ошондой болобу?

- Анан эмне, биринчиңби?

- Ооба, төрөйлекмин да, билбесем… - Айнура кызыктай абалда калып сүйүнөөрүн же күйүнөөрүн билбей нес болгондой бараткан жагын унутуп кайра үйгө кирди: "Бойума болуп калган экен го, эмне кылсам? Сталбекке айтпай врачка көрүнүп келейин", деп ойлонуп ваннага кирип жуунуп алып врачка барса ырас эле бойунда бар экен. Айнура Сталбекке айтпады: "Кичине чоңойо түшсө кыз эркегин билип алып анан айтайын" деген ойдо ичтен тынып жүрө берди. Ал: "Бүгүн барып узиге көрүнүп келейин. Эркек десе айтам, эгер кыз десе айтпайм" деп ойлонуп узиге барып көрүнсө эркек экен.

Негедир жүрөгү сүйүнүчтүү үйүнө келатканда ага Касым жолугуп калып экөө көпкө сүйлөшүп турду:

- Айнура, мен сага абдан ишендим эле, айылдан келсем жоксуң, аябай жаман болдум, аялдарга такыр ишенбей калдым.

- Кечирип койуңуз, сизди узатып келатып эле бир адамга жолугуп калдым, ал айылдан келиптир, тааныш болчу, анан… анан ал мени үйүнөн чыгарбай камап жүрүп жакында эле кайтарбай калды. - Айнура жер карап ойлуу. - Менин сиз менен турганымды көрсө өлтүрөт, - деди корккону даана билинип.

- Койчу, ошончо кызганчаакпы?

- Абдан, сиз мени кечирип койуңуз, мен кетейин, - дегенде Касым аны атайы бетинен өөп койду да:

- Бактылуу бол! - деп ары басып кетти.

Ушул учурда Сталбек үйүнө кетип бараткан эле, Айнуранын бир эркек менен сүйлөшүп турганын көрүп жини кайнап чыкты: "Энеңди жалап, баары бир мунун өнөрү калбайт экен, бойуна да болбоду, төрөбөйт окшойт, тынчыраак кетирип ийсемби же.." деп ойлонуп Касымдын аны өпкөнүн көрүп чыдабай кетти. Айнуранын жөнөгөнүн көрүп машинаны жандай барып токтотту.

- Түш, машинага!

- Ийи, - Айнура отураары менен машинаны катуу айдап үйүнө эмей эле кайдадыр кетип жатты. Кайда? Айнура жүрөгү бир нерсени сезгендей коркуп кетти.

- Кайда барган жагат сага, деги сага эмне кылсам жагам ыя, жолго эле чыксаң даяр турабы, тигиниң дагы клиенттериңенби? - Сталбек көзүнөн заар чачырай өктөм унчукту.

- Ал эмне дегениңиз, ал менин агам!

Калп! - Сталбек ачуулуу кыйкырды, - аялдын амалы кырк дегендей, сен мени кандай амал менен алдасаң да билип, баскан изиңден таап алам! - Анын кызуу экенин ошондо билди Айнура. Жин тийгендей сөгүнүп айдап жүрүп отуруп шаардан чыгып баягы эс алып кеткен суунун жээгиндеги талдардын түбүнө келип токтоду. Машинадан түшүп Айнураны өзү каалгасын ачып түшүрдү.

- Эй жалап, же бойуңда болбоду же жөн жүрбөдүң, мен боор ооруп эркиндик берип койсо кайда барып жүрөсүң ыя?

- Врачка көрүнүп келе жаткам… - Айнураны андан ары сүйлөтпөй Сталбек бакырып жиберди:

- Эмне, мен көрсөтүп келейин десем болбой, өзүң барып эски тааныштарыңа жолуккуң келген го ээ? - ал кекээр үн катты.

- Өзүм эле барып келейин деп ойлогом, сиз кеткенден кийин дагы башым ооруп тамак жүрөгүмө барбай..

- Ха, ооруп атсаң анан эмне деди, айтчы?

- Эч нерсе, бир аз диета карма дейт.

- Шылтооңо баракелде, мени сен деги канчага чейин алдайсың ыя, ак никелеп алган аялымдын алдында күнөөгө батып сен үчүн баарына чыдап, баарын көтөрүүгө аракет кылып, сени бир эркек уул төрөп берип койобу деп жүрбөйүнбү?! - Сталбек өзү абдан кызуу болчу машинанын артынан бир бөтөлкө арак алып чыгып, аны капоттун үстүнө койуп эки стаканга толтура куйуп бирин Айнурага карматты:

- Эй сулуу, мени сүйбөсөң да кичине алып кой, - ал ары-бери басып туруп ачуусу келгенинен көздөрү кызарып чыкты, - Төрөбөсөң төрөбө, сенин жатының күйүп кеткен го жаш туруп, - өзүнчө мыскылдуу жылмайып алды, - А мен сенден уул бала күтүп жүрбөйүнбү, жаш, сулуу, төрөйт го деп ойлогом, сен болсо менин көзүм бурулса эле кайдагы бир эски досторуңду таап аласың.

- Ал менин эски досторум эмес, айттым го агам деп! - Айнуранын да чыдамы кетип кыйкырып жиберди.

- Жап оозуңду, кандай эле чыга калсаң агаң жолдо турат, кантип эле? Же сени акмалап эле жүрөбү, анда сени кантип таштап кетти?

- Мен болбой койдум.

- Ха, ошого макул болуп кетип калдыбы, кайдагы калпты айтпай мени менен чындыкты сүйлөсөң жакшы болмок! - Сталбек анын жанына келип, - Кана эми алып кой, менин аракетимдин баары текке кетти, о бо-ол, жалдыратпай алып жибер!

- Мен албай эле койойунчу, анткени..

- Эмне сени дагы бирөө жолугушууга чакырды беле?! - анын көздөрү чакчайып, колдору калчылдап Айнуранын көздөрүнө тике карап ушу азыр аны бир уруп жайлап салгысы келип турду, - ал, эчтеке болбойт, бүгүндөн кийин кимге жолуксаң өзүң билесиң, мен сени биротоло кетирем! - Сталбек өзү алып ийип оозун басып туруп калды да, - Ал деп жатам! - деп катуу кыйкырып жибергенде ал коркконунан ичип ийди:

- Эмнеге минтип коркутуп жатасың, ыя, менин бойумда бар, врачка көрүнүп келдим! - Айнуранын көздөрүнө жаш толуп чыкты, - сүйлөтпөй эле кыйкырасың.

Эмне-е, эмне дедиң ыя?! - Сталбек дендароо болуп бир топко туруп калды да, - ушу сен мени алдап жатасың ээ, эптеп өлүмдөн калтыр деп сурангың бар ээ?

- Эмнени уксаң ошо, айтаарымды, чындыкты уктуң! - Айнура да: "Эмне кылсаң ошо кыл" дегендей тигиндей барып отуруп алды. Сталбек башына эч нерсе кирбей эле Айнуранын жанындагы эркекти көз алдына келтирип алып: "Бул менден эмес болсочу, мүмкүн мен жокто дайым жолугуп жүрсөчү?" деп ойлонуп: "Менин балам болбосо кайдагы бирөөнүн баласын мага таңуулаганы жатабы, кереги жок, өз канымдан жаралбаса анын төрөгөн баласынын мага кереги жок!" ушул чечимге келген Сталбек эмеле бошогон бөтөлкөнү колуна алып ары карап ыйлап отурган Айнураны көздөй басты. Ал жакын келгенде Айнура карай калып бакырып ордунан тура калды эле Сталбек аны буйдамга келтирбей бөтөлкө менен чаап калды. Бетинен ылдый куйулган канды көрүп кайра соолуга түштү, Айнура бул кезде эсин жоготуп жерде сулап жаткан: "мен эмне болуп турам, ырас эле бойунда болсо төрөгөнчө карабайымбы, балким менин эле балам болуп жүрбөсүн, анда-аа. .анда кудай урбадыбы, өз баламды кошо өлтүрүп албадымбы, жок, жок өлтүрбөйм!" Ал жин тийгендей жерде сулап кызыл жаян болуп жаткан Айнуранын башын жөлөп, бөтөлкө тийген жерин карап кирди:

- Айнура көзүңдү аччы, мени кудай уруп, кызганчаагымдан, сени башкаларга ыраа көрбөй.. - ушул учурда Айнура көзүн ачып кыңылдап онтоп алды. - Аччы көзүңдү, мени кечирип койчу?! - Сталбектин мастыгы тарап заматта момурап анын алдында өзүн күнөөлүү сезип турду. Айнура өйдө болууга аракет кылды эле башы ооруп кетип кайра жатып калды. Кан тыйылбай ага берди.

- Ай жаным ай, абдан кыйнадым го Сталбек, биротоло өлтүрүп койчу, ушул азаптан, баарынан кутулайын, - деди Айнура онтолоп жатып.

- Жок, жок сени мен өлтүрбөйм, мастыгым менен, кызганычым күчөп эмне кылып жатканымды билбей да калбадымбы, кечир жаным, азыр эле ооруканага алып барам! - Сталбек аны көтөрүп алып машинанын арткы отуругучуна жаткырды да башын таңып койуп шашып-бушуп машинасын оталдырып айдап жөнөдү. Асфальтка жеткиче Айнура абдан кыйналды, жолдун өңгүл-дөңгүлүнөн башы ооруп кыңкыстай берди. Асфальтка жеткенден кийин машинаны катуу айдап ооруканага жетип Айнураны көтөрүп кирип врачтар келгенче сестралар ката түшкөн кандарды жууп тазалап дежур врач келгенде көрүп эч коркунуч жок экенин айтты да укол менен дары берип башынын териси гана айрылып кеткенин билдирди. Аны уккан Сталбек күйпөлөктөп укол дарыларынын баарын төлөп берип үйгө алып кетүүнү ойлоду эле, врач:

- Бир-эки күн жатсын, болбосо башынан алган жаракаттан улам кийин ооруп калышы мүмкүн, - деп болбой койду.

- Үйгө эле алып кетсем эмне болот, үйдөн деле көрсөтүп турам.

- Болбойт, кыймылдатпаш керек!

- Макул, - Сталбек аргасыз макул болду да, Айнураны таштап үйүнө жөнөдү, Ал келгенде Сайкал уктабай отурган экен.

- Эмне болду сага, абдан кыйналган түрүң бар? - деди камкор үнү менен.

- Деги менин ишиме кийлигишпечи, мен өлсөм да ойлонбо.

Сталбек чарчагандай ички үйгө кирип диванга жатып алды. Сайкал анын артынан кирди:

- Мен сенин ич күптүңдү билем, аттиң кыз деле бала деп жүргөн элем, көрсө эркек баланын орду башка туура.. - Сайкалдын үнү кардыгып чыкты.

- Азыр эч нерсе угалбайм, Сайкал, эс алайынчы, - Сталбек жоошуй сүйлөдү, - эртең менен сүйлөшөбүз.

- Мен эртең менен жумушка барам, а сен эрте ойгонбойсуң.

- Кайдагы жумуш? - Сталбек бурулуп аялын карады.

- Өзүмдүн эле жумушума, кыздар чоңойду, үйдө жалгыз отура бербей иштейин дедим, - Сталбектин көзү чакчая түштү: "Кудай уу-ур, жана бул сменде болгондо өлмөк турбайынбы, эми эмне кылам, билип калса канттим, эптеп Айнураны алып кетиш керек". Ал Сайкалды карап: - Кайсыл ооруканага кирдиң? - деп калп эле сурап койду. Анткени Сайкал дал ошол ооруканада иштеп жүрчү, кыздары жаш болуп иштебей калган, өзүнүн абалын билдирип койуудан сактанып жатты.

- Канча болду иштегениңе, акылдашып койбогонуң эмнең, же эмне бирдемеден кемчил болдуңбу ыя?

- Жо-ок Стал, мен эч нерседен кемчил болгон жокмун, жалгыздык мени кууратып жиберди, күйөөм бар, бирок жалгызмын, сен келесиң, өзүңчө жатып аласың, сүйлөшпөйсүң, сүйлөсөм жооп бербей ороңдойсуң.. - Сайкал ойлуу күйөөсүнүн аяк жагына отурду, - сен өзүңдү гана ойлобой башканы да ойлоп койсоң болмок, жүрөгүм ооруп, санаадан өз үйүмө батпай кеттим.

- Кой Сайкал, мен эс алайын, сен капа болбой барып өз ишиңди кыла бер, сүйлөшө турган да мезгил келет, - Сталбектин ойу будуң-чаң боло ары карап жатып алды.

- Эс алсаң эс ал, - Сайкал басып баратып ар кайсыны бир ойлонуп жүрөгү зыркырап, бүткөн бойу бүлкүлдөп ыйлап жатты: "Кудая тобо-оо, бир кезде сенсиз менде жашоо жок, ар бир мүнөт сайын сенин жаныңда болбосом жаман болуп кетем" деп жумуштан келээри менен кучагын жая өпкүлөп эркелетип турчу күйөөсү бат эле сууп калганын кара, буга эмне себеп?" Сайкал өз суроосуна жооп таба албай көпкө отуруп анан ордуна жатып калды. Булардын бөлөк жатып калганына көп эле болду, аял эңсөөсү, кумары аны кызыктырбады белем, өз мүдөөсүн көздөп, өз жүрөгүнүн эңсөөсү, үмүтү менен гана аракеттенип жүргөнүн сезсе да ошону өз оозунан угуп көңүлү суумайынча жаны тынчыбасын билип туйуп турбайбы…

Эртең менен ойгонгон Сталбек туруп жуунганы ваннаны көздөй басып баратып залдын эшигинин ачыгынан Сайкалдын креслодо отурган бойдон уктаганын көрүп боору ооруду. Бирок кеч эле, аны кандай кылып жубаткан менен болбойт болчу. Сайкал өзү врач болгондуктан деги эле күйөөсүнүн ар бир кыймылын байкап койчу. Ваннага кирип жуунуп чыкты да шырп алдырбай сыртка чыгып кетти. Ал келгенде Айнура көзүн ачып телмирип ойлуу жаткан. Анын жанына барып стулга отурган Сталбек бетинен өптү да абалын сурады.

- Кандай Айнура, өзүңдү жакшы эле сезип калдыңбы?

- Ооба, жакшы элемин, - Айнура суз гана анын жүзүнө карабай туруп жооп берди.

- Айнура, иш чатак, менин аялым бул жерге бүгүн сменге келет экен, мен сени менен алектенип ага көңүл бурбай калганга жумушка орношуп алыптыр, сени эптеп алып кетсем болобу, жакшы элесиңби?

- Жакшы элемин, бирок врач трамба алып калдың, жакшы дарыланбасаң болбойт деп жатпайбы?

- Эч нерсе болбойт, азыр мен сени көтөрүп эле машинага салам да алып кетем, болбосо башка ооруканага алып барам.

- Макул, - дегенче врач кирип:

- Ой чоң кыз кандай, абалың дурус болуп калдыбы? - деп Айнуранын жанына отуруп калганда Сталбектин чыйпыйы чыгып, сыртка чыгып кетти. Анткени саат сегиз болуп калган эле. Ал кайра кирбей эле машинага отуруп жөнөп кетти. Ошол кезде жумушка келе жаткан Сайкал аны таанып таңгала туруп калганда жанына медсестра келип калды эле Сайкал андан билмексен болуп сурап койду.

- Азыр кеткен машина эмнеге келиптир, билбедиңби?

- Аа-а, ал кечинде бир оор жаракат алган кызды алып келген, ошону көргөнү келген го?

- Ийи, - Сайкал андан кийин үндөбөй бөлмөсүнө өтүп халатын кийинди да, оорулууларды кыдырып жүрүп кезек Айнурага да жетти. Аны карап көрүп отуруп, ойлуу көз жиберип:

- Чоң кыз, башыңа бирөө урду беле? - деп аста сурады.

- Жок, жок! - Айнура шашып калды, - жөн эле өзүм жыгылып кеттим.

- Жашырганда болбойт, сен жыгылган эмессиң, катуу чапкан экен сени, катуу соккудан кийин башка доо кеткен турбайбы, сен узакка жакшылап дарыланбасаң оорукчан болуп каласың.

- Эже, үйдөн эле дарылансам болбойбу?

- Да, да - аа, үйдөн дарыланган менен ооруканада жаткандын чоң айрымасы бар да, - Сайкал ойлонуп отуруп калды: "Көп кыздын эле бири, мени алмаштыргыдай артыкчылыгы деле жок экен, болгону жаштыгы.. балким бойунда бар болду бекен?" Сайкал анын сол колунун тамырын кармап көрдү, - бойуңда бар экен, күйөөң барбы?

- Ооба… - Айнура да бул салабаттуу, бир кездеги сулуулугунун изи өчө элек аялды карап туруп: "Баса Сталбек айткан аял ушул болуп жүрбөсүн" деп ойлонуп алды; "Болсо эмне экен, билмексен болуп баарын айтып берип салайын", деген чечимге келди, - Эже, сизге чындыгын эл айткым келип турат, менин никелеп алган күйөөм жок, мени эркек төрөп берсең сени менен калам" деп эле бир адам үч айдан ашык үйүнө камап жүрдү. Аңгыча менин бойума бүтүп калганын билбедим, ал болсо "кыз төрөсөң өз жолуң менен кетесиң, эркек төрөсөң сени төбөмө көтөрүп багам" деп эле өз аялындай кызганып туруп алды. Мен ошон үчүн ичимдеги түйүлдүктүн кыз-эркеги билинбегенге эч нерсе айтпайын деп ойлогом, - Айнура ыйлап да, мууну калтырап атып да айтып берди.

Мунун баарын угууга чыдамы жетпесе да Сайкал укту, күйөөсүн аяп кетти.

- А кокус өлтүрүп койсо өзүңө эле жаман болмок, мурдатан эле айтып койсоң болмок экен.

- Айткым келбеди эже, көңүлү жок эле бирөөнү зордоп, камап алып отурса, анын үстүнө аялы, балдары болсо…

- Кызды бала деп эсептебейт чыгаар? - Муну ойлуу отуруп айтты Сайкал, - А сен анын татыктуу ата, камкор күйөө болушуна ишенесиңби?

- Кайдан дейсиз, күйүп, сүйүп алган аялын бат эле жек көрүп калган эме мени жыргатмак беле?

- Эмне, аялымды жек көрөм деди беле?

- Жок, антип айтпаса деле көрүнүп турбайбы, мени сүйөм күйөм, сенсиз жашай албайм деп бучкактап, кызганып турат, бир кезде аялын да ошенткен чыгаар, сүйүүсү эскирсе мени да ошентет го?

- Айнура, сен асты сакайып ал, ден-соолугу таза бала төрөш үчүн сөзсүз эненин дени карды-таза болуш керек, көп сүйлөшүп койдум, эс ал эми, - Сайкалдын жүрөгү ийне сайгандай зырп этип алды да ордунан турду, - көп ойлонбо, сүйүү деген эскирбейт, жалган сүйүү эскирип кетээри мүмкүн, чыныгы сүйүүдөн түңүлбөгөн жакшы. Кой, жакшы болуп кет, келип турам, - деп чыгып кетти Сайкал.

Сайкал чыгып кеткенден кийин Айнура ыйлай берди: "Эмнеге айттым, мүмкүн анын аялы болбой калса анын мени урганын билип туруп милиция чакырып келип суракка алсачы, Сталбекти каматып койуп мен кантип күн көрүп кайдан төрөйм?" деп заматта анын ойу онго бөлүндү. Бирок ыйлап, көп ойлонуп койгонго түштөн кийин эти ысытмалап, температурасы жогору көтөрүлүп башы ооруп, кусуп жатты. Сайкал ага чабалактап жатканда укол куйуп жардам берип улам кан басымын ченеп жанында болду. "Кой, Стал уулдуу болуп калса кыздарына да жакшы карайт, мен билмексен болуп жардам бере берейин, менин бул жерде экенимди билди, эми ал келбейт", деп ойлоду Сайкал. Ырас эле Стал кечке санаада болду; "Эмне кылышым керек, бойунда бар экенин анык билип, эркек болсо анда ачык айтам да, биротоло Айнура менен жашайм, кыздар болсо чоңойду, аларды карап турам, Сайкал каршы болбойт, эстүү аял эмеспи" деген ой көңүлүн аралап өткөндө жеңилдей түштү. Эртеси түш ченде ооруканага келип Айнуранын кыйналып, кан басымы көтөрүлгөнүн угуп чоочуду, анткени ага врач буларды айткан эле:

- Абдан кыйналыптыр, өзү бойунда бар экен, муну сөзсүз аялдардын врачына көрсөтүш керек!

- Болуптур, азыр алып кетип көрсөтөйүнбү?

- Жок, бүгүн болбойт, эртең кел, көрсөтүп кайра алып келип жаткырасың.

- Мм, мен эртең колум бошобойт да.

- Анда жакшы болгуча койо турабыз, чыккандан кийин сөзсүз көрсөт.

- Макул, - Сталбек көпкө чейин Айнуранын жанында отуруп анан кетти.

Сайкал үйүнө келгенден кийин да Айнуранын элесин, жаштыгы менен байоолугун эстеп аны такыр кектегиси келбеди, анткени ал өзүнүн экинчи кызы Лира менен эле тең экен: "Кайдан, кантип бул кыз менен байланышып жүрөт, мейли эмнеси болсо деле Сталбек уулдуу болуп көңүлү тынсын" деп отурган жеринде өзүн-өзү алаксытып жатты. Кичүү кызы каникулда лагерге кеткен эле; "Зинанын келээр убактысы болуп калды", деп улутунуп алды Сайкал. "Кайда жашап жатты экен, үй сатып берген го, кокус өлтүрүп алса эмне болот эле, кудай сактаган экен" ал ордунан туруп ашканага чай койгону кирди. Курсагынын ачканын эми гана сезди белем, чай койуп, ваннага кирип жуунуп алгысы келип ваннанын суусун агызып чечинди да түшүп жууна баштады. Ошол кезде эшик тыкылдады. Бул Сталбек эле. Сайкал шашып эптеп эле халатын үстүнө жамынып, чыгып эшикти ачты да кайра ваннага кирди. Сталбек ага көңүл да буруп койбоду. Ашканадан чайдын кайнап жатканын көрүп өзү демдеп чай ичти да көнүмүш адаты бойунча диванга жетип жата кетти. Көптөн кийин Сайкал жуунуп болуп сыртка чыгып кийинип болуп ашканага кирип анын чай ичип алганын көрүп "тобо-оо, мени менен бирге отурганга да көңүлү жок туура, мен болсо жалгыз аны күтүп тамактанбай күтүп турам", деп ойлонуп өзүнчө отуруп алып чай ичти, бирок жарытып иче албады, мите курттай ичтен жеп жаткан санаа анын табитин тарттырбады.

Күндөр өтө берди, туура бир ай дегенде Айнураны ооруканадан чыгарып аялдар врачына көрсөттү, бул кезде анын ичи кадимкидей билинип калган. Узиге түшүрүп андан эркек деген жоопту уккан Сталбек кубанычтан жүрөгү жарылып кете жаздады. Өзүнүн кетирген катасы үчүн андан кайра-кайра кечирим сурап кафеге алып барып, каалаган тамагын, каалаган кийимин алып берип кечинде үйүнө келди. Үйүнө ошондон баштап барбай калды. Кээде гана күндүзү барып келет, жумушуна барат, көпчүлүк убактысын Айнуранын жанында болот. Бир күнү аны көргөн гинеколог аял:

- Сени биз бул жерден төрөтө албайбыз, болсо операция жолу менен төрөйсүң, болбосо башка жакка барып төрөгүн, - деди.

Айнура Сталбекке келип врачтын айтканын айтты эле ал атайын ал врачка жолугуп аялынын ал абалын сурады.

- Эже, операциясыз төрөй албайбы?

- Жок иним, анткени жүрөгү начар экен, каны да аз, операциядан коркпой эле койгула.

- Операцияда эч нерсе болбойбу, жүрөгү начар болсо?

- Эч нерсе болбойт, миңдеген балдарды операция жолу менен эле төрөтүп жатабыз.

- Оозуңузга май, мен барып аны жайгарып, көңүлүңө коркунуч алба деп айтайын.

- Ооба, өзү деле эки неделядан кийин төрөйт, аз калды.

- Жакшы калыңыз. - Сталбек чыгып кеткенден кийин врач отуруп алып: "Кудай буйруса жирный клиент даяр болду, буларды минтпесе эчтеке бербей басып кетет, жүрөгү таптаза, эчтеке болбойт, эптеп операцияга беш миң сурап, аялын сойуп туруп баласын алыш керек" деп ойлонуп кымыңдап алды. Адам өмүрү кылдын учунда турганда көзүнөн кар учуп үмүт этип келгендерди врачтар да кээде акчага алданганын сезбей тобокелге салганы өкүнтөт кээде.

Ошентип оош-кыйыш замандын байкалбай өтүп жаткан күндөрүнүн биринде Айнуранын толгоосу күчөп төрөөр мезгили келип жетти. Үйдө өзү эле болчу, Сталбек жумуштары менен кечигип Айнура кыйналып ары-бери басып жүрүп толгоосу бышып калды белем чыдай албай калганда тез жардам чакырды. Ал келгенче кара терге түшүп, чабалактап, калган жаш келинди тез жардам тез эле алып, жөнөдү. Төрөт үйүнө жеткенче эле Айнура жолдон төрөп койду, жеткенден кийин баланы ороп, аны креслого жаткырып койуп врач урушуп кирди:

- Өз жашыңардан тойгон эмесиңер кыргыздар, операция менен эле төрөтмөкпүз, тез-тез көрүнүп турбайт белең!

- Эже, кыйналган деле жокмун, өзүм төрөгөнүм эле жакшы эмеспи. - Айнура жооп бергенде врач ого бетер жиндеди.

- А кокус жолдо төрөй албай өлүп калсаң эмне болот эле, оңой эле төрөдүм, кыйналган жокмун деп койот, - деп басып кеткенде Айнура: "Өзү төрөп алды деп карабай койобу, Сталбек келип калса экен, эртерээк эле үйгө кетип калайын" деп ойлоп жаны кыйналса да каршысында жаткан баласын карап алып өзүнчө жылмайып алып өзүнүн белгисиз дүйнөнү аралай кетип жатканын сезбей баратты. Бир кезде акушерка келип эле анын абалын көрүп укол куйуп, кроватка которду да жаакка эки-үч чапканда эсине келе түштү. Көрсө баланын тону түшпөй калыптыр. Ал эми врач гинеколог болсо карап да койгон эмес. Акушерка аны тазалап уколдорду кайра-кайра бергенден кийин эс ала түштү. Кечинде Сталбек келип калды. Ал Айнуранын өзү эле төрөгөнүн угуп кубанып кетти. Жүгүрүп барып гүл алып келип кечки кезектеги врачтан уруксат сурап кирип келди. Ал кроватта жаткан Айнуранын эки бетинен өөп кубанычы койнуна батпай:

- Жаным менин, менин суроомду канааттандырдың, өмүр бойу ыраазымын, айтканың менен болом, айдаган жагыңа барам, төбөмө көтөрүп багам! - деп колунан, бетинен өпкүлөй берди. Көптөн кийин гана, - баса уулум кана, көрсөткүлөчү, - деп санитаркага караганда ал эки-үч саат мурун жарыкчылыкка келген ымыркайда алып келди:

- Көрүндүк!

- Сөзсүз да, көрүндүк сизден айлансын, мынаңыз! - Ал шашкалактап эки жүз сомдукту аялга кармата салып ымыркайды колуна алды да: - Менин тукум улаарым, орунумду басаарым, - деп али көзүн ача элек, эне жытын искеп ууз эме элек ымыркайды жыттап жатты.

- Кой, көпкө чейин жаш баланы алганга болбойт, жаткырып койойун, врач көрсө урушат, - деп санитарка аял айтканда гана ал баланы берип кайра Айнурага жалынып кирди:

- Ырысым менин, мени кечир жаным, мен сени жакшы көргөнүмдөн эле кызганып айламды таппай жүрбөдүмбү.

- Баары өттү, кетти дечи. Андан көрө эртерээк эле чыгарып кетчи үйгө.

- Болуптур жаным, эртең эле жентекти алып келем да алып кетем, бүгүнчө жата тур.

- Бүгүн го жатам, эртең кечикпей келип алып кет.

- Макул жаным, анда мен сага ысык тамак-аш алып келейинби? - ал бир нерсени ойлоно калып, - баса, атын ким деп койобуз? - деди.

- Алсаң алып кел, үйдөн толготуп жатып эч нерсе ичпегенге башым айланып жатат, атын атасы билет ким койорду.

- Аман-эсен төрөп алдың, эми жакшылап тыңып ал, ал эми уулумдун атын Улан койом, улантып дагы артынан инилерди ээрчитип келсин, уулуң экөөңдү көлөкөгө багам, жаным, - Сталбек эшикке жөнөдү. Бир аздан кийин эле толтура тамак-аш, арак, вино алып жетип келди. Ал жердегилерге заматта той болуп кетти. Алар Айнураны жакшылап карашып улам ысык чай, тамак берип эркелетип да койушат. Айнура дегеле ушул бактысына ыраазы эмес болчу, өзүнөн жыйырма беш жаш улуу адам менен өз бактысын элестете албай жаңы эле төрөлгөн наристесине имерилип: "Ушуну маңдайыма жазган туура, үйдөн неге качтым, ата-энемди неге сыздатып санаага салдым, ушунча болгон соң баарына чыдашым керек" деп суздана түшүп көздөрүнө тамчы жаш келе калганын сезбеди. Айнура жаралгандан мерес, көк, ойуна келгенин аткарбай койбойт. Өзүнүн ошол көктүгүн билген ал өзүн-өзү сооротуп тагдырына баш ийүүгө жан далбас кылып жатты. Антпесе бир нерсени ойлосо дароо уулун да, баарын таштап басып кетиши мүмкүн эле…

Төрөт үйүндө үч күн жаткандан кийин чыгарып келди. Сталбек болсо буту бутуна тийбей жүгүрүп баарын өзү жасап, ал турсун жалаяк жууп кичинекей наристени колунан түшүрбөйт. Айнура төрөгөндөн бери үйүнө бир да жолу барбаганга Сайкал ойлонуп атып ооруп калды. Сталбек келгенде кызы Зина эле бар экен. Ал атасын көргөндө мойнуна асылып ыйлап жиберди.

- Папа, эмнеге үйгө келбей калдыңыз, мамам ооруп жатып калды, жүрүңүз экөөбүз барып келели.

- Жок кызым, жумуш көп, баралбайм го, эртең баралы ээ? - Сталбек кызын эркелетип чекесинен өөп койду.

- Папа сиз башка аял алып алдыңызбы? - Зинанын бул суроосуна Сталбектин жүрөгү "зырп" этип алды: "Чунак кыз, кайдан укту, же жөн эле сурап жатып жүрбөсүн?" ушул ойду ойлогондо эс ала түштү.

- Ким айтат кызым, кайдагы аял, жумуштан колум бошобой эле..

Тайсалдай түшүп жооп берип кеткенче шашты. Ал ушул келишинде аялына баарын айтып ачыкка чыгууну ойлоп келген: "Ооруп жатканда айтканга болбойт, жакшы болуп үйгө келсе айтам" деген чечимге келди кетип жатып. Кечинде кызынын жалгыз калганына жаны ачып: "Эмне кылсам, үйгө барып кызымдын жанында болсомбу" деп, бирок Айнурадан өтүнө албады. Анын үстүнө Айнуранын баласына жакшы карап эркелеткен менен дегеле көңүлү ачылбайт. Түнү менен үйдө жалгыз калган кызын ойлоп чыгып эртеси эрте туруп кетти. Келсе Зина уктабагандай көңүлү сергек бирок кабагы бир аз чытылып бүркөө экен.

- Кызым коркподуңбу? - эшиктен кирип эле ушинтип сурады Сталбек.

- Эмнеге, эжекем келген, - Зина ички бөлмөнү көрсөттү, - уктап жатат.

- Оо садагасы жакшы болгон туура, мен сени ойлоп түнү менен сарсанаа болбодумбу!

- Папа, чын эле бизди ойлойсузбу ыя, чыныңызды айтыңызчы, же бизди кыз деп бала катары көрбөй калдыңызбы?

- Ким айтты антип, койсоңчу садагам, көлөкөм десе, силерди кантип жаман көрмөк элем.. бирок эркек бала деген башка да, кызым, - Сталбек актанып баратып кичинекей наристесин көз алдына келтирип, - силер кайдан билесиңер? - деп улутунуп алганда ички бөлмөдөн улуу кызы Лира чыга келди. Атасы менен кучакташып көрүшкөндөн кийин үчөө чай ичип анан ооруканага жөнөштү. Алар келгенде Сайкал капельницада жаткан. Үчөө палатага кирип келип учурашканда анын көз кычыгынан сарыккан жаш жаздыкка куйулуп жатты. Сайкал ушул саам кыздары менен кобурашып кирип келген күйөөсүн көрө эреркеп кетти, баягы өткөн бактылуу кездерин көз алдына тартылып бирок ал күндөрдүн кайрылып келбесин эстегенде көзүнөн армандын жашы куйулуп кеткен эле. Сайкал көпкө жатты, бирок анын жүрөк оорусу өнөкөткө айланып алгандай бат-бат эле кармап жатты...

Сталбектин ойу ордунан чыкпады. Оору деген кордук эмеспи, жыл бойу жүрөгү ооруп улам ооруканага жатып чыгып атып арыктап да бүттү. Сталбек эми аны аяп эч сөз айтпоого тырышты. Уулу болсо Айнуранын паспорту жогунан метирке жазылбады. Ошондогу Сталбектин күйгөнүн айтпа, бирок аргасыз эле. Асылган оору алмайынча койбойт демекчи, Сайкал өлөөрүндө Сталбекке айтып деп, кыздарын тапшырып, анан кете берди, жакшы киши өлгөндө да жакшынакай өлөт туура, күйөөсүнө ыраазылыгын берип, кыздары менен коштошуп анан суналып жатып калды. Кыздарынын ыйлаганын көргөн адам чыдагыс болду. Акыркы жайына кетээрде Сайкалдын бир тууган иниси Сталбекти карап:

- Жезде, мына эжем да барчу жайына барат, сизди үйдөн кетип калды деп уккан элем, Зинаны мен алып кетейинби же өзүңүз үйгө келесизби, арбактын, элдин көзүнчө жообуңузду күтөм?! - деди.

- Жок, мен эч кайда кеткеним жок, Зина эч кайда барбайт, кам көргөнүңөргө ырахмат, кайним.

- Анда, - деди ал элди карап, - эжекем кимге бересеси болсо айтыңыздар, биз беребиз.

- Жок, карызы жок, жакшы аял эле.

- Эмесе аласасы болсо кечтик! - ушундан кийин өлүктү койууга алып кетишти. Өлүк койуу каадасы бүткөндөн тартып эт, тартып келген элди узатып бүтүп үйдө бирин-экин туугандары менен кыздары калды. Эч кимиси үндөбөй ар жерде аза күтүүдө. Бир гана Сталбек үйгө кирип-чыгып чыдамы кетип жатты. Анткени үч-төрт күндөн бери уулу менен аялына бара элек болчу. Бирок өлөөрүндө Сайкал кыздарын өзүнө чакырып алып: "Атаңардын көңүлүн оорутпагыла, ал уулдуу болду, ал силерге бир тууган болот, балалык кылып аларга тоскоол болбогула, арманым ушул төртөөңөрдүн бириңер күйөөгө тийип балалуу болсоңор, небере үнүн уксам дедим эле, ал тилегиме жетпедим" деп айтканы кыздардын кулагында. Аны өзүнөн угаарбыз деп кыздар күттү, бирок Сталбек үндөбөдү, айтпады. Аны кыздары да түшүнөт, айтчу убакыт келет деп ар кимиси ар ойдо калышты.

х х х

Асылкүл дарек бойунча Молдовановкага барып Бекболотту чакыртты эле, бир топтон кийин ал чыгып аялын көрүп эл кайра артка бурулуп жөнөдү.

- Бекболот, мен сага келдим, эмне болду сага, акыбалың кандай? - Асылкүл чыйпылыктап ийди.

- Келгениңди көрүп турам, келбей койсоң болмок… - Бекболот ошол тетири караган бойдон сүйлөп жатты, - Тынчтык болсо түрмөдө экен, эне, аял деп сени ким айтат, баарыбызды жолдон чыгардың, ар кимибиз ар жерде жүрөбүз, акылың болсо эки бала менен жалгыз кызды жакшы адам кылып чыгар эми, менин башка сөзүм жок! - Бекболот ылдам басып кетип калды.

- Бекболот.. - Асылкүл башка сөз айтууга кудурети келбей турган ордунда катты: "Ырас эле мен энемин, аялмын, бирок эне деген сөзгө татый алдымбы? Жок, жок, мен акылсызмын, жокчулукту көтөралбай, чыдап, кудай деп жашай берсем болот эле го? Жеңилдик кылдым, өзүмө чала!!!" деп ичинен боздоп, көзүнө эч нерсе көрүнбөй заматта башы айланып жыгылып баратканда жанынан өтүп бараткан адам кармай калды. Өзүнө келген Асылкүл арманын айтса угаар адам жок аргасыз үйүнө келди. Келсе кызы үйдө жок экен, кичүү уулу Мирбек эле ойноп отуруптур.

- Адина кайда?

- Ал эртең менен кеткен.

- Кайда? Эркинчи?

- Эркин акем иштеп келем деп кетти. Адина эжем айткан жок.

- Мм, - Асылкүлдүн кулагына Бекболоттун: "Акылың болсо эми үчөөнү адам кылып тарбияла" деген сөзү кайра-кайра жаңырып жатты. Адина чектен тыш Асылкүлдүн тилин укпай каалагандай басып кетип, чылым чегип, арак ичкен күндөрү көбөйдү. Бир күнү үйүнө ыйлап келди да, үн катпай бөлмөнүн ичинен илип алып, эч ким менен сүйлөшпөй үч күн жатты. Асылкүлдүн асты, үстүнө түшүп үйүрүлүп сураганына жооп бербеди. Акыры анын бойунда бар экенин билген Асылкүл эмне кылаарын билбей азап чекти. Же Адина адамдай болуп кеңешип, ойундагысын айтпайт. Бат эле анын төрөөр күнү келип врачтарга көрсөтпөй эле Асылкүл кызын үйдөн төрөтүп алды да, түндөп кайдадыр кетип таңга маал келди. Тирүү пенде баласын жок кылууга колу барбады, айласы кетип Сокулукка келди да караңгыдан пайдаланып баланы чоң үйдүн эшигине таштап карап турду. Аңгыча жарыкчылыктын биринчи таза абасынан дем алып тирүүлүктүн ачуу, таттуу, машакаттуу өмүр жолуна чыйыр салчу наристе аба жарып ыйлап кирди. Бир топто дарбаза калдыр-шалдыр ачылып, улгайган адам чыкты да айланасын абайлап карап туруп босогодо ороодо жаткан наристени ала койду. Адам колуна алганда баягы ыңаалап түндү жарып жаткан наристенин үнү басыла түштү. Ал айыпсыз наристе энесинин ууз сүтүн эмбей, бейтааныш адамдын колунда турганын кайдан билди, тек эки жагына кайсаңдап эмчек издеп жатты. Улгайып калган адам же үйүнө кирип кетпей же сыртка чыкпай босогодо колундагы бейкүнөө наристени кармаган бойдон бир топко турду да үй жакка үн салды:

- Эй кемпир, бери чыкчы! - Арытан бир аял чыкты эле ага; - бул баланы ким таштады кемпир, кызыл эт немени экөөбүз өлтүрүп албайлы, коңшу-колоңду чакырып берип койбойлубу?

- Ботом, эмеле мен эшиктен кирбедим беле, эч ким жок болчу, кыз болду бекен, же эркекпи?

- Кайдан билдим, - тигил адам ийнин куушурду.

- Эгер эркек бала болсо эч кимге айтпай багып алалы, кыз болсо участковойго айтып тапшырып берели.

- Өзүң бил кемпир, ырас эле эркек болсо келиниң төрөбөй жүрөт ошого берели, акжолтой болуп артынан бала ээрчитип келээр…

- Жүрү, көп турбай эркек-кызын билели, - экөө ээрчишип дарбазасын бекитти да кирип кетти. Булардын баарын бери жакта бекинип турган Асылкүл укту: "Кудай буйруса багып ала турган болду, демек эркек бала буларга керек экен" ушуну ойлоп көңүлү тына түшкөн Асылкүл артына бурулду да жолго чыгып такси менен үйүнө келди. Келсе Адина уктап жаткан экен, Асылкүл аны ойготпой эле бөлмөсүнө кирип жатып алды. Жаш төрөгөн эмени карап койуу ойуна да келбеди же анын өлүп калаарын ойлогон жок. Асылкүл Адинанын жерге түшкөн баласын ороп-чулгап алып эле эптеп көздөн далдоо кылгысы келген. Адинанын тону түшпөй калып, көзү караңгылап, кан кетип жатып кароосуз калган неме алда качан эле тиги дүйнөнү көздөй сапар тарткан..

Эртеси туруп жуунду да, чай койуп: "Ысык чай берейин байкушума, эс алып калгандыр, төрт-беш күн жакшылап карасам тыңып кетет, эсине келер, эми жаман жолго түшпөс" деген ойду ойлоп анан кызынын жанына барса түндө көргөн бойдон былк этпей уктап жатат, Асылкүлдүн жүрөгү болк деп алды: "Өңү эмне мынча боппоз, ойготойунчу" деп барып саксайып турган чачтарын артка карай сылап жатып чоочуп кетти, анын маңдайы таштай муздак эле, ошондо гана энелик жүрөгү бир жамандыкты сезгендей:

- Адина, Адина тур, тура гой кызым! - деп былкылдатайын десе алда качан муздап, капкатуу болуп калган экен. - Оо кагылайын кызым! - Асылкүл ошондо билди кызынан ажырап калганын, - Оо Кудай, айланайын кызым! - деп эчкирип, өз башын өзү койгулап ыйлай берди. Апасынын өкүрүп-бакырып жатканын угуп балдары туруп келип чурулдай баштады. Ызы-чууну уккан коңшу-колоң бат эле чогулуп калышты. Асылкүл өзүн-өзү каргап жатты; "Жакшыраак карап, эс алганда деле баласын жоготпойт белем, мени кудай уруп, жаш төрөгөн эмени кароосуз калтырганымды кара" ичи өрттөнүп жалгыз кызынын күйүтүн көтөр албай жатып; "Мени кудай жазалап жатат, канча адамды сыздаттым, каргыш жетти го?" деп ботодой боздоп жатып ойлонуп, өз катасын өзү сезип турду. Адинанын сөөгүн эптеп жашыргандан кийин айылда ар кандай ушактар жүрүп жатты.

- Капырай, бойунда бар деди беле, бойунан түшүрөм деп энеси эле өлтүрүп алган го?

- Жок ай, ай-күнү жетип эле калган, баласын өлтүрүп Асылкүл өзү бир жакка көмүп келгиче кызынын тону түшпөй кан кетип калыптыр.

- Аа-аа шордуу, көзү ачык кетти, тирүүлөй баланы көмүп жатса убалы жетет да, - дешип айыл ичи дүңгүрөп ушактап кээ бири табаласа, кээси боор ооруп жатышты.

Кичинекей наристени асырап алган үйбүлө жөнүндө кеп салсак, Кадыр карыя жетимиштерге барып калган адам эле, аялы Сейдимкан күүлүү-күчтүү, алтымыштын тегерегинде. Колунда бар, бала-бакырасы бүт орун алып кетишкен. Бирок неберелери кемпир чалдын эрмеги болуп тез-тез каттап турушат. Эң кичүү уулу үйлөнгөнүнө беш жыл болсо да төрөбөй жүргөнү үчүн аялы менен ыйкы-тыйкы болуп жүрүшкөн. Кудайдын буйругубу, ушул наристе аларга насип экен. Балканактай эркек уулду ата-энеси дароо эле азан айтып ат койуп багып алышты. Врачтарга көргөзүп күбөлүктү да алып алгандан кийин Карамат өзү төрөгөндөй үзүлүп түшүп карай баштады. Дегеле балпайып жоошун айт. Бул баланын тагдыры кандай болоорун бир алла билбесе адам баласы кайдан билсин. Асылкүл күйүттөн чыга албай: "Мен жанында болсом өлбөйт эле, мен куруйун, өз баламды өзүм өлтүрүп алдым" деп бир ойу айтса; "Жок, жок ал сенин элди сыздатып, арам оокат менен күн көрүп жатканыңа алла тааланын берген жазасы" деп бир ойу айтып өзүнөн өзү жинди болгон эмедей үйдөн чыкпай жаздык жазданып жатканына үч айдын жүзү болду. Бир күнү түшүндө Адина көрүнүп: "Апа, дагы көп азап тартасың, кудайдан кечирим сурап, кылган күнөөлөрүң үчүн намаз оку!" - деп апаппак көйнөкчөн булутка окшоп жок болуп кетти. Чоочуп ойгонду: "Чын эле намаз окуйун, кудай күнөөмдү кечирээр, же Касым менен Үсөнгө жолугуп күнөөмдү кечир деп айтсам бекен, айылдагы малдын ээлеричи, аларды кантем?" чар жайыт ойлорду ойлонуп отуруп: "Капырай, баягы үйгө барып баланын кантип чоңойуп жатканын көрүп келсемби, Адинанын өлөөрүн билгенде аны таштабайт элем, кой бир барып көрүп келейин жыттоочумду, биринчи неберем эмеспи" деп ордунан туруп Сокулукту көздөй жөнөдү. Мурдатан баамдап жүргөн үйдү акмалап келип дарбазаны такылдатты. Үй ээси чыкканча: "Үй издеп жүрөм, сатыла турган там болсо алат элем" деп сурайын дегенче эшик ачылып үй ээси чыга калды:

- Ким керек сизге? - Асылкүл дароо тааныды, баланы алып кемпирин чакырган чал чыккан эле.

- Аба, мен ушул арадан сатыла турган там издеп жүрдүм эле, андайды билбейсизби?

- Кайдан балам, мен андайды билбейм, болсо болгондур, башкалардан сурап көр, - дегенче арытан тестиер кыз төрт-беш айлык баланы көтөрүп келип калды.

- Небереңизби, аба? - Асылкүл баланы көрүп ичинен өкүнгөндөй жүрөгү зырп этип алса да билмексенге сала сурап койду.

- Ооба, неберелерим, - чал эшигин жабаарда Асылкүл шаша ага кайрылды.

- Аба, ичкенге муздак суу берип койор бекенсиз, басып жүрүп чарчадым.

- Бар, бар айланайын, бербей анан, - Кадыр карыя небересине буйруду, - тур кызым, баланы апасына берип жарма алып чыгып берчи эжеңе!

- Мен эле алып турайын, - Асылкүл баланы көздөй колун сунганда Кадыр карыя:

- Кой балам, чоочуркап ыйлайт, андан көрө энесине берсин, - дегенде Асылкүл умсунган бойдон туруп калды. Бала болпойуп тимеле Адинанын өзүнө куйуп койгондой окшош болуп баратканын көрүп түтөп кетти: "Акылсызмын, эми мага мунун шыйрагын да карматмак турсун жанына жолотпос, карачы бакканын…" деп ойго чөмүп кеткен экен:

- Эже, жарма ичиңиз! - деген тестиер кыздын үнүнөн селт этип карай салса чоң чыныга жарма сунуп туруптур.

- Аа-аа, ырас болбодубу кызым, суусап, каным катып турду эле, - ал жарманы жутуп алып коштошуп алып кетпеске айласы жок жолуна түштү. Жолдо келе жатып бир дарактын түбүнө отура калып бугу чыккыча кызы Адинаны эстеп, анын баласын көрүп колуна алып эркелете албаганына күйүп ыйлап жатты. Бул баланы баягы төрөлөрү менен ороп жатканда бир байкаганы оң кулагынын артында бармактай болгон сыргасын көргөнүн эстеди.

"Демек, баары бир ал баланы алып качам" деген чечимге келди Асылкүл. Убакыт деген учкан куш, аккан дайра эмеспи, арадан бат эле эки жыл өтүп кетти. Эки уулу ойдогудай чоңойуп баратты. Эси-дартынын баары Бекболоттун айткан сөзүндө, карабай басып кеткенинде. Ага бир чети пенделик кылып таарынып да, кекенип да алат, бирок анын жоош момундугун, бирге жашаган он беш жылда өзүнө кол көтөрүп же сөгүп койбогондугун эстегенде: "Көңүлүмдү калтыра уруп же сөгүп эркектей болуп мени өз ойума койбой тыйып койсо мен деле аша чаап кетмек эмесмин, ал менден көңүлү калды, үйүн алдырдым, түрмөгө түшүрдүм, жек көргөнүнчө бар да" деп анын абалына түшүнүп отуруп калат. Күндөгүдөй көнүмүш тиричилик, соода менен алпурушуп жүрүп кеч жаткан эле, көзү илинип, илинбей эле кызынын элеси элдир-селдир көрүнө калды, аны көргөндө: "Кызы-ым токто-оо кагылайын, токто-о!" деп жүгүрүп баратып жетпей жыгылып кетти. Ошол кезде Адинанын үнү угулду: "Апа, апаке, сен Эрмекти уурдайм деп ойлобо, уурдасаң баланын убалына каласың, тийбе, ал аерден бактылуу жашайт, тынч кой!" Асылкүл ойгонуп кетип эмелеки көргөн түшүн эстей албай жатып кайра уктап кетти, кайрадан Адинанын элеси: "Тийбе Эрмекке, ал сенин балаң эмес, убалына каласың!" дагы чоочуп ойгонду, бирок Эрмек деген эсине түшө калып: "Капырай Эрмек деген ким эле, ага эмне тийбе деп жатат?" деп кыжалат ойлордон арыла албай жатып таң атырды. Эртеси ал тиричиликке аралашып көргөн түшүн унутуп калды. Түш ченде ага баягы Кемел келиптир, аны көргөн Асылкүл сүйүнүп кетти. Кантсе да аял эңсөөсү, жан кумарыбы же жөн эле өзүн алаксыткысы келдиби:

- Ой келип калыпсың, акыбал кандай? - деди жадырай.

- Жакшы, жакшы, ушу сени көргүм келип эле… - Кемел колун сунуп жатып тамашалай күлдү.

- Көргүң келгени жакшы экен, сени үйлөнүп алгандыр деп ойлодум эле.

- Кайдан, жүрөгүмдүн жактырганы сен эле, жакпай койду сенден башка деги эле, деп сени күтүп эле жүрөм.

- Чын элеби ыя? - Экөө бир топко чейин тамашалашып турду, - Кир эми үйгө, нан ооз тий!

- Нан ооз тие турган болсом кирбей эле койойун, чай ич десең кирем.

- Кирсең анан чайыбы же пайыбы көрөсүң да, - Асылкүл көңүлү эргий сүйлөп жатты. Адина өлгөндөн бери чечилгени ушул бүгүн болду бейм. Чай койуп, куурдак кууруп киргенде Кемел Асылкүлгө акча сунду:

- Өзүңө эле соода кылайын эми, бир бөтөлкө ичпесек болбойт го, мындай жакшы оокат менен.

- Макул, макул алып келсе алып келейин, кайгы менен жүрүп эки-үч жылдан бери күлгөндү да унутуп калдым эле, бүгүн бир баарын унутайынчы! - Асылкүл шаңкылдап күлө товар койулган бөлмөсүн ачып кирип кетти. Негизи ал бир бөлмөсүнө айыл ичине керектүүлөрдү алып келип үйүнөн эле сата берчү. Көпчүлүк айыл билип калгандан кийин күндөп-түндөп эле келип керектүүсүн алып турат. Көбүнчө карызга сурагандарга анча мынча кошуп койуп керек болгондо чычырып ала турган жайы бар. Кемел ал күнү үйүнө кетпеди. Экөө өз өзүнчө ойлор менен алек: Асылкүл "Бекболот болсо эми мени менен жашабайт, мага деле жашоо керек да, кыркка эми чыктым, балдарыма түшүндүрүп туруп тийип алсамбы?" Кемел: "Жаркылдаган жакшы эле келин, макул болсо алып алат элем, анан өтө шаардыкча кийинет. Ата-энеме ошол жагы жагабы, жакпайбы?" деп үнсүз экөө эки жерде жатышат. Балдары телевизор көрүп отурушкан, бир кезде алар өз бөлмөлөрүнө киргенден кийин экөө биригип алышты. Караңгы түн жаманды да, жакшыны да жашырып өз кучагына алды.

Асылкүл жаркылдап жакшынакай жүгүрүп жүрүп эле бир күнү ооруп калды, болгондо да оң тизеси капысынан шишип кетип бастырбай, эшикке кирип чыга албай кыйналды. Коңшу-колоңу ага соода кылганы же болбосо карызгалап чай, самын алганы келгенде көрүшүп уйгактын жалбырагын тарт деп, ар кимиси айтып жатып, ар нерсеге бир нерсе себеп дегендей он күндөн кийин туруп кетти. Анын оокаты ойдогудай болуп, кичүү эки уулу талаадан иштеп тапканын колуна берет, айтканын угат, көңүлү жайлана баштап өткөн күнөөсү, кылмыштары, качып жүргөнү эстен чыгып кайрадан шарактай баштады. Кемелге болсо күйөөгө тийүүнү ойлогон менен тийбеди, анткени ага туугандары башка аял таап берип аны менен ойнош бойунча кала берди, ал дагы эле кээ, кээде аялын жазгырып келе койот. Улуу баласы Тынчтык жөнүндө ойлосо ойлоп, ойлобосо: "Эмне кылайын, бул да болсо алланын буйругудур" деп тим болот. Ойлонуп отуруп Адинанын баласын эстеди: "Убакыт жетти, төрткө чыкты, эшикке чыгып калса көрөйүн" деп ойлоп дагы жөнөдү да, белгилүү үйгө келип алыстан акмалап турду эле дарбазадан бир келин чыгып:

- Алмира, Эрмекти алып келчи, курсагы ачты, бол эрте! - деп топтолуп балдар ойноп жаткан жакты карап кыйкырып калды, атаңдын гөрүү байкуш Асылкүл уурдана ошол жакты карап: "Кандай болуп калды экен садагам ай, мен куруйун, элден уялымыш этпей эле жанында болсом кызым да тирүү калат беле, болбосо баласы мага кубат болот эле го, акылдан азган жаным" деп умсунуп турганда болтойгон баланы жетелеген кыз дарбазага жакындап калды. Асылкүл капысынан чыга калымыш этип балага деп алып алган шоколадды сунуп:

- Ой азамат, жакшы жигит туура, атың ким? - деди мурдунан чымчый өөп.

- Эймек, - Наристе шоколадды алып аны байоо карап койду.

- Чо-оң жигит турбайсыңбы ээ?

- Ооба-аа, мен чоңойуп калгам, - бериле жооп берип калганда тестиер кыз аны колунан жетелеп жөнөдү:

- Баса гой Эрмек, апа чакырып жатат, сен барбасаң апа ыйлап калат, жүрү. - Алар ээрчишип басып баратканда Асылкүл узата карап улутуна үшкүрүп койуп: "Бирөө-жарым байкап калбасын" деп тез-тез басып келген жолуна түштү. Үйүнө келсе жанында эл топурап чакалап суу көтөрүп жүрүшөт, жүрөгү оозуна капталган Асылкүл жүгүрүп кирип барса үйүнөн өрт чыгыптыр. Дагы жакшы коңшулары өчүрүп, жүктөрүн эшикке ташып чыгып койушуптур. Ичи ачышып өрт чыккан үйүн жууп тазалап, күйүп кеткен буйумдарын бүт чогултуп кайра өрттөп: "Чыгаша ушуну менен чыгып кетсин" деп ырым кылып эртеси бир улак алып келип кудайы өткөрдү. Мунун кудайды эстеп, куран окутканы ушул эле. Адинанын жылдыгын да өткөргөн эмес. Ушуларды ойлоп отуруп өзүнүн кудай дебегенин ойлоду: "Кудай деген кур калбайт" дешет тура, мен ичкичтердин арасында өсүп эчтекени билбей баарына мерес болуп, бирөөнүн жакшы буйумуна көз артып көнүп калганмын го, баса, намаз оку деп Адинанын арбагы түшүмө кирди, муну да унуттум, кой намаз окуйун, арамдан тапкан оокат убактылуу тура" ушул ойду ойлогондо бир аз жеңилдене түшкөн менен баланы ала качып өзү тарбиялоону милдетим деп эсептеп алды. Анын көзгө чоңойуп баратканы, ширин тили, өңгөдөн Адинага куйуп койгондой окшоштугу түн уйкусун бөлүп, күнү тынч алдыра турган эмес. Негедир ага бир көрүнбөгөн күч түрткү берип: "Эмнеге убакытты созуп жатасың, алып келип ал да, өз балаңдан калган белек эмеспи" деп эле туруп алды. Ошол күнү түндөсү уктап жатып укмуштуудай түш көрдү. Түшүндө ээн талаада кетип жатат, бир жерге келгенде кайчылаш жолдор кезикти, токтоп калды: "Кайсынысына түшсөм" деген ойдо турганда анын маңдайында адамга окшош, бирок такыр башкача жандык пайда болуп эң четки жолду көздөй сүйрөп жөнөдү... Кете берди, кете берди, бир кезде ойукча, ойукча болгон чуңкурчаларга туш болду ал - эми баягы аны сүйрөп келаткан неме жоголуп ар кайсы чуңкурдан жыбыраган колдор чыгып эле, аны тарткылап жатты, аларга ээ бербей качмакчы болгондо үстүнөн бир кара нерсе каптап калып тумчугуп жатып ойгонуп кетти. Жүрөгү оозуна тыгылып ордунан туруп эшикке чыгайын десе эмеле көргөн түшү көз алдынан кетпей жүрөксүп ашканасынан муздак суу ичти да саатты караса түнкү үч болуптур. Кайра уктагандан коркуп көпкө чейин ары-бери ооналактап жатып дагы уктап кетти. Көзүн ачканда күн көтөрүлүп калган экен. Басса-турса көргөн түшү эсинен кетпей алагды кыла берди. Өрттөнүп кеткен жерлерин калыбына келтирип түгөнбөгөн түйшүктөр кучагына алып дагы бир топ убакыт өттү. Анан ал: "Сокулукка барып бирөөнүкүнө квартирага кирип эки-үч күн же бир жумадай акмалабасам колума тие койбос" деп ойлоп эки уулуна үйдү табыштап койуп Сокулукка жөнөдү. Келген эле күнү тааныш дарбазаны сыртынан көз салып көпкө чейин отурду. Келген сайын башкача болуп кубулуп кийинип келмей адаты бар эле, бул жолу башына шляпа кийип көзүнө кара очки тагынып, джынсы менен ботс кийип алганга таптакыр башка болуп чыга келди. Дарбаза ачык турат, ичтен баланын күлкүсүн коштоп каткыра сүйлөшкөн сөздөр угулуп жатты. Асылкүл улам өйдө басып кетип кайра эле мерчемдүү жерге келет. Бир кезде Эрмек жүгүрүп чыга калды, артынан тестиер кыз тызылдап чыгып аны жетип көтөрүп кирип кетти: "Аттиң, ушинтип өз баласынан артык кылып багып жаткан адамдарга ыраазы болбой кайра сыздатканы турам да, бул менин адамгерчилигимдин жоктугу, капысынан таап алып кайра жоготуп жиберсе кандай абалда калат болду экен?" Асылкүл тигилерди көрүп туруп энелик жүрөгү чыдабай адамдык касиети ойгонуп барып кайра: "Эмне экен, менчелик жолдон адашкан пенде жок дейсиңби, баламдан айрылдым, эми ушул тун неберемди көрүп Адинамдын ордуна жыттап турайын, кудай өзү кечирсин!" деген ой аны жеңип кетти. Ал дароо эле ачык турган дарбазадан баш бакты:

- Але - ким ба-ар?!

- Ким бул? - артынан Сейдимкан эне көрүндү.

- Эне, бери келип койосузбу?

- Эмне болду кызым, не керек?

- Сиздерде бош бөлмө болсо квартирага бербейсиздерби?

- Жо-ок кызым, биз өзүбүз чоң үйбүлөбүз, келин, уулум үч баласы менен, неберелерим болуп өзүбүз эле турабыз.

- Аа-аа, мен квартира издеп жүргөн элем, эки-үч жумага эле.

- Башка жактан издеп көр кызым, бизде андай жок! - кемпир ары басып кеткенде Эрмек анын жанына жетип келди: "Кудай мындай бербеспи" Асылкүл шашып кетип сумкасынан конфет алып чыгып балага кармата койуп бетинен өөп калды, кучактоого дити барбады.

- Атың ким? - Калп эле сурады.

- Эрмек.

- Азамат жигит турбайсыңбы ээ?

- Ооба, атам менен апам мени азаматсың деген.

- Айланайын десе тилиңден… - Асылкүлдүн жашка, ызага муунган тамагы бир нерсе тура калгансып, очкинин ичи сууланып кетип сөзүн жутуп алды, - каралдым, - деп артына бурулуп шарт басып кетти: "Эми менин колума тийбейт экен, мен шордуу ушинтип аңдып жүрүп сыртынан багат окшойм". Жол бойундагы талдын түбүнө отура калып ыйлап жиберди: "Олдо кудай ай, бирөөнүн көз карегиндей кылып чалчактатып багып отурган баласы мага көнөбү, мага боор береби, алсам да ушул быйыл алып кетишим керек, болбосо кеч болуп калат, буларды эсинен чыгарбай куса болушу мүмкүн, үч баласы менен деди го, көрсө муну бакандан кийин эки балалуу болушкан туура, ошого каниет кылышсын, мен муну сөзсүз алып кетем!" Асылкүл мостойо калып өзүнө-өзү ант бергендей шыбырай сүйлөп жибергенин билбей калды. Ал күнү издеп жүрүп эптеп эки жумага бир бөлмө тапты да эртели кеч баягы дарбазага барып баланы акмалайт. Күн сайын ал Эрмекке жолугуп конфет, шоколад берип жүрдү. Бир күнү оңдойберди болуп кемпир-чал уулу менен чогуу бир жакка кеткендей дарбазанын жанына машинага отуруп жөнөдү: "Келини менен тестиер кыз бар, экөөнү азгырсам болду, эптеп баланы мындай алып чыксам ар кандай ойунчук, шоколад алып берсем, анан таксиге жетсем" деп ойлоп алыстан карап турду. Машина жүрүп кетти, артынан бала чыркырап ээрчип ыйлаганын көрүп: "Балакет, эми аны да алып кетип калбагай эле" деп ойлоп коркуп жатты. Бирок машина кайрылып келбеди, артынан жүгүргөн баланы тестиер кыз кармап көтөрөйүн десе ага болбой чыр кылып жерге отуруп алды. Кыз аны тим койуп үйгө кирип баратып артына бир карап алды. Көпкө ыйлап отуруп акыры унутту белем, ойной баштады, Асылкүлдүн жүрөгү даабай тура берди: "Эмне кылсам, жетелесем басабы, бирөө жарым көрүп калсачы?" жүрөксүп туруп анан тобокел деп такси алып келе берүүнү ойлоду. Таксистке барып:

- Менин кызымдын баласын куда, кудагыйым бербей жатат, жолдон алып кетейин дедим эле, акыңызды ашыгы менен берем, - деди эле таксистке, тиги жаман ойу жок эле акчага азгырыла шыпылдады:

- Канча бересиз?

- Астоновкага чейин эки жүз сом берем!

- Кеттик! - Таксиге отурган Асылкүл бүлкүлдөп коркуп жатты; "Эмгиче үйгө кирип кетип калсачы?" Аңгыча жетип келип алысыраак таксини токтотту да баягы эле бойдон топуракта отуруп алып ойноп жаткан баланын жанына барды:

- Эрмек, конфет жейсиңби?

- Ооба.

- Жүрү машинага түшөсүңбү?

- Кана машина, атамдай мени ээйчитпей кетип калбадыбы, сиз ошоякка баясызбы?

- Ооба, мен сени атаңдарга алып барам.

- Баям, мен келип калдым дейм ээ? - Сүйлөшүп машинага жеткиче Асылкүлдө жан жок, жүрөгү дүкүлдөп өзүнөн-өзү коркуп мууну калчылдап бүтүп калды. Жетип машинага түшөөрү менен таксист айдап калган кезде кыз чыга калды, Асылкүл ого бетер кара терге түшүп баланы алаксытууга зорго жарады. Эрмек эч нерседен капарсыз конфет жеп улам: "Чоң атам менен чоң энеме баям аа-аа?" деп чулдурап койуп кете берди. Баланын кыялы, ойу таза, дилинде кыянатчылык жок, эч нерседен капарсыз. Асылкүл астоновкага келгенден кийин шоферго берчүсүн берди да түшүп, дагы бир таксиге барды. Беловодскиге чейин кымбат сураганына карабай эптеп баланы көздөн далдоо кылыш керек эле да, ушул учурда Эрмектин атасы Малик келе жаткан, ал эч нерседен капарсыз эле жумуштан үйүнө түштөнүүгө бараткан. Ал Эрмекти аны жетелеген аялды деле байкаган жок. Асылкүл шашып-бушуп таксиге отурду да жөнөп кетти. Эрмек атасын көрбөгөнү абийир болду, болбосо ошол жерден балээнин баары башталмак. Айылына жеткен Асылкүл дагы куулугун карматып таксини үйүнөн алыс токтотту да акысын берип кетирип Эрмекти жетелеп басканда:

- Эже атамдай каякта, мен чоң атам менен чоң апама баям, сиз билем дебедиңизби? - деп сурады.

- Ооба, Эрмектай, мен билем, сөзсүз алып барам, бул такси аларды таппай койбодубу, эми эртең башка такси менен алып барам.

- Ыкы, мен эйтең байбайм, бүгүн эле… - Эрмек ыйламсырап жибергенде Асылкүл эки жагын карап элеңдеп артынан куугун келчүдөй жүрөксүй түштү.

- Ыйлаба ээ Эрмек, мен сени сөзсүз алып барам, азыр экөөбүз чай ичип алалы анын кайра кетебиз макулбу?

- Ооба… - Эрмек үндөбөй Асылкүлдүн жетегине көндү. Үйүнө келгенден кийин ал балага ойунчуктарды карматып, конфет, печенье берип алаксытып, кичүү баласы Мирбек аны ойнотуп жаны калбай сүйүнүп жатты. Ал эми Эркин болсо чоңойуп калган эмеспи:

- Апа, эмне эле чалды-куйду иш кыла бересиз, бул бала үчүн эми бирөөнү түрмөгө салып, бирөөнү түйшүккө, азапка, кайгыга салып отурганың кантип болсун, алар да баланы издеп убара болуп жаткандыр.

- Убара болсо болоор, мен өлгөн кызымдан калган баланын бирөөнүкүндө чоңойгонун билип туруп кантип чыдайм?! - Асылкүл бышактап ийди, өлүмгө жетпегир, жаштайында тескери жолго түшүп алып акыры анысы башына жетти.

- Эже, жүйү кеттик, апама, атама байгым келди, алай мени күтүп калды го, жүйүңүз чоң атамдай деле келип калды болуш кейек.

- Азыр. Мирбек, Эрмек экөөбүзгө чай берчи биз кетели, мен Эрмекти чоң-ата, чоңэнесине жеткирейин, - Асылкүл алактап кетти, бир жагынан уулунун: "түрмөгө түшөсүң" дегенин эстеп, бир жагынан Эрмектин чоңаталарын кайра, кайра айтканынан: "Эмне кылсам, кокус катуу чыр кылса жеткирип эле койсомбу?" деп чочулап турду. Эрмек бир чыны чай ичип эле ордунан турду:

- Кетем үйүмө, жүйүңүз.

- Азыр, Эрмек бүгүн бизге конок болбойсуңбу ыя, эртең такси менен алып барам, -

- Жо-ок, кетем.

- Шашпа уулум, жүрү мен сага сонундарды көрсөтөйүн - Асылкүл товар катылган үйүнүн эшигин ачып Эрмекти жетелеп кирди, - көрчү мына, каалаганыңды же!

- Ай ий, момпосуй көп тура, мага чоң апам кө-өп алып келип бейет, апам, атам дагы-ы, - Эрмек бөлмөнүн ичиндегилерди аралап алаксый түштү. Мирбек ага өзүнүн тапанчасын алып келип берди эле ого бетер кубанып аны алып, тах, тах, тах! - деп Мирбекти көздөй атып алып мултуңдап койду, - сен мен атканда өлөчүң, билдиңби, мен сени азый атам!

- Оо мына, мен өлдүм! - Мирбек да анын тилин алып босогого жатып калды. Асылкүлдүн ойуна бир нерсе кылт этип түшө калды да Мирбекти аптекага жөнөттү. Ал бат эле уйкунун дарысын алып келе калды. Чай муздатып туруп дарыны кошуп ичирип койду эле бала бир аз ойноп отуруп анан уктап калы. Ички бөлмөсүнө төшөк салды да жаткырып койду. Эркин болсо сыртта жүрөт дарбазанын ичинен илип алып эки жакты карап турат. Соода кылганы адамдар тынчу эмес, келгендерге: "Апам үйдө жок, товардын ачкычын өзү алып кеткен" деп эч кимди киргизбеди. Эрмек эртеси ойгонду, анын ойгоноорун күтүп тамак даярдап отурган Асылкүл аны тургузуп тамак берейин дегенде ичпей койду:

- Эже, мени үйүмө жеткийиңизчи, кетким келип атат,

- Садага болойун десе, мен сага айтпадымбы эртең деп.

- Ооба сага, эйтең бободубу, мына мен ойгондум го, кетеличи.

- Жо-ок, сен азыр эле уктабадың беле, биз азыр эле келдик го, эс алып ал, мен эртеңкиге таксиге сүйлөшүп койдум, сөзсүз кетебиз ээ? - Эрмек башын ийкеп койду.

- Алтын эле балам да-аа менин, - Асылкүл аны акырындап көнөт го деген ойдо ушинтти эле, ал:

- Сенин балаң белем, менин атам Малик, апам Кайаман, чоң атам Кадый, чоң апам Сейдимкан, - деп сөөмөйлөрүн ачып жума бирден санап берди, - анан бөбөгүм Нуйчултан, Айзийек.

- Оо жакшы бала туура, баарын билет экен, ойной гой ээ, азыр мен сага тамак берем, сен тамакты кө-өп ичсең жакшы болот, анан кетебиз.

- Тамак ичпейм, атама кетем!

- Эрмек, чен чо-оң азаматсың да, азамат балдар тамакты кыйыктанбай ичет.

- Анда мени үйүмө апайасызбы?

- Ананчы, кыйыктанбай тамактан ичип, кардыңды тойгузуп алсаң анан жеткирем.

- Макул, - Эрмек арам ойу жок астейдил пейил менен чыныдагы тамакты ичип жатканда Асылкүл дагы дарыдан кошуп чай даярдады, бирок коркконунан азыраак кошту. Балага уйкунун дарысын берүүдөн корккону менен аргасыз убакыттын өтүшү менен унутаар деп ойлоп жатты.

х х х

Альмира сыртка улам чыгып Эрмектин ойноп жатканын карап койуп жаткан. Карамат аны:

- Болду, чаңда ойнотпой үйгө алып кир, - деп өзү колундагы уулун алып отурган эле. Жүгүрүп сыртка чыккан Альмира кайра кирди:

- Эрмек отурган жеринде жок!

Коңшулардын балдары менен ойноп жүргөндүр, бар алып кел!

- Жеңе, мен чыкканда Эрмек ойноп жаткан жерден бир такси жүрүп кетти.

- Эмне дейт, тур барып карап кел, - Карамат ошентип алып жүрөгү бир нерсени сезгендей ордунан туруп дарбазадан чыга эки жакты карады. Аңгыча Альмира коңшулардын балдарынан өздөрү эле жүргөнүн көрүп:

- Эч жерде жок, көрбөптүр алар, - деди.

- Кайда кетип калды, жана эле алып кирбей, - Карамат чыйпылыктай өзү коңшуларын кыдырып, аркы көчөнү да баласын көтөргөн бойдон жүгүрүп жүрдү. Буту күйгөн тооктой жүгүргөн менен Эрмекти эч ким көрбөгөнүнөн ыйлап да алды, анткени Карамат аны айрыкча жакшы көрчү эле. Бир кезде Малик үйүнө келип үйлөрү ачык, ээн турганын көрүп кайра сыртка чыкты. Ошол учурда Карамат көчөнүн этегинен ыйлап келе жаткан, күйөөсүн көрүп эле:

- Эрмек жок, кайда кеткенин билбейм, эмеле Алмира карап турган, - деп отура калды.

- Кайда кетти дейсиң, жүргөндүр балдар менен, - Малик анча кабатырланган жок, - анча эле эмне болуп алгансың, келет да, жүр мен түштөнүп алып кайра эле жумушка кетем.

- Жумушка кеткен эмнеси, Алмира чыга калганда Эрмек отурган жерден машина жүрүп кетиптир, ошолор алып кетип калган жокпу ыя? - Карамат жаштуу көзү менен күйөөсүн суроолуу карды, - Жанагы бала уурдагандар алып кетсе эмне кылабыз?

- Кайдагы калпка ишенип, бирөөнүн баласын бирөө уурдап барып эмне кылмак эле? - Малик аялын жактырбагандай сүйлөдү.

- Эчтекеге ишенбейсиң, же тил албайсың, бул бала соо эмес, болбосо күндө эч жакка кетпеген бала кайда кетти, милицияга бере койсокпу, батыраак табылып калаар?

- Койчу жокту айта бербей, келет көрөсүң го, кызың гана?

- Ал үйдө уктап жатат.

- Бас, кечке келип калаар, коңшу-колоң тамашалап бекитип койсо келет да, - Малик түштөнүп алып жумушка кетип калды. Ал эми Альмира менен Караматтын издебеген жери калган жок, экөө эки баланы көтөрүп, үйүн бекитип койуп сурабаган кишиси калган жок, Ошондо аркы көчөдөгү бир аял:

- Баса силердин үйүңөрдү эле акмалап жүргөн бир аялды көргөм, бирок ал кыргыз эмес, казакпы деп ойлогом, болсо ошол аял алып кетти.

- Сиз аны кантип билдиңиз, биздин үйдү акмалаганын? - Карамат ага суроолуу тигилди.

- Мен үч күн силердин көчөдөгү кудагыйымдыкына баратсам талдын түбүндө отурган, андан кийинки көргөнүмдө өйдө жакта туруптур болчу.

- Ий ооба, баягыда бизге квартира сурап келген аялчы?

- Мен көргөн эмесмин.

- Чоң атам билет, анан Эрмекке конфет бере берчү.

- Ай Карамат, ошол баланы таштап кеткен келин болуп жүрбөсүн ыя, чоңойгуча сырттан көз салып жүрүп анан чоңойгондо, эс кире электе алып кетти да.

- Койууңчу, - Карамат өңү өзгөрө чоочуп алды.

- Койбой эле, баланы таштагандар сыртынан багып жүрүп анан кийин талашып, соттошуп эле атышпайбы ботом.

- Мына кызык, эми эмне кылчумун, кайненемдер келсе эмне дейт эми, бир баланы карай албай жоготуп.. - Карамат нес болуп уулун кучактаган бойдон үйүн көздөй басты: "Ырас эле, атайы апкелип ушул үйгө таштагандан кийин келип кетип көрүп жүргөндүр, балким менин төрөбөгөнүмдү угуп атайы таштагандыр, анда бул жерде да бирөө бар, ага шерик, болбосо…" деген ойдо үйүнө келип шалдая отуруп калды. Карамат айрыкча жакшы көрчү: "Жалгыз башымды үч кылды, төрөбөс куу жатын атыкканы калганда майбаш кылды, акжолтойум менин" деп метиркесин алаарда атын Сыргабек койушкан. Кемпир-чал эле "Эрмек болду да, эрмегим" деп жүрүшүп Эрмек деп чакырышчу. Кечинде Малик келип Эрмектин табылбаганын угуп чындап чоочуду:

- Кайда кетти. Кайдан издеш керек эми?

- Издегенде эми кайдан табасың, машина менен жүргөн эме жетчү жерине жетти да, жана тил алсаң жолдогу машиналарды тостура койсок табылып калат беле?! - Карамат ойлуу күйөөсүнө нааразы боло сүйлөдү.

- Мен кайдан билдим, ойноп жүргөндүр дедим да. - Малик ордунан туруп жөнөдү.

- Сен кайда кечинде?

- Кайда болмок эле, райондук начальник милицияга барам, - Малик чыгып кетти. Ал келгенде дежурный милициялар бар экен. Арыз жазып койуп үйүнө келди. Карамат жанагы аялдын айтканын айтса ал таң калып алды да үнсүз көпкө отурду.

- Ошондой болушу мүмкүнбү, Малик? - Карамат ишенбей турганын билдирди.

- Ким билет, баарын жасаган адамдын колунан келбейт деп кантип айтам?

- Мен бир ишенсем, бир ишенбей турам, байкуш балам ай, кантип атты экен, ыйлап атат го көнбөй? - Карамат жүрөгү сыздап уулун эстеп ыйламсырай берди.

- Ал өзү жоош, алдап алаксытып койсо ыйлабайт деле, - Малик ушул учурда Эрмекти көз алдына келтире өзү да жашып кетти, - эмне кылыш керек ыя, издеш керекпи, кайдан, кантип?

- Ошону мен да билбей турам.

Экөө эки жерде айласы кете сарсанаа болуп отуруп анан жатууга кам урушту. Канчалык ичи тызылдап турганы менен аргасы жок Карамат кызы менен уулун уктатып койуп өзү көзү илинбей көпкө ойгоо жатты.

Эртеси Кадыр карыя менен Сейдимкан эне келгенде болду чуру-чуунун баары:

- Ботом, баланы жоготуп койуп кенебей отурганыңар эмнеңер ыя, ал ит эмес киши го, жарыя бериш керек, издей берсек акыры табылат, - Сейдимкан эне бызылдап жатты. - Сүрөтүн телевизорго да берем, көргөндөр Маликтин иштеген жерине чала турган кылып телефон номурун кошо берейин.

- Апа, - Карамат ага кечээги аялдын сөзүн айткысы келип тарткынчыктай сүйлөдү, - бир аял көптөн бери биздин үйдү айланчыктап жүргөн имиш, аны баланы таштаган ошол болуш керек, алып кетсе ошонун эле колунан келди дейт, тиги аял.

- Ал кайсы аял экен?

- Тиги аркы көчөдө жашаган аял, биерде анын кудасы жашайт эмеспи, ошол өткөн сайын көрүп жүрүптүр, ал казак аял болуш керек дейт.

- Капырай, казак болсо биякта эмне кылып жүрөт?

- Ошол баланын энеси болушу мүмкүн дейт.

- Койчу катыгүн, балакет бас, балакет бас, кандай балакет катын эле? - Сейдимкан эне чыйпылыктап жатты.

- Чоңойттуруп алып кайра ала качам деп жүргөн эме го анда, эгер баланы тапсак ал аялды түрмөгө отургузуш керек, тапкан экен бала бактырчуну, - Кадыр карыя да ачууланып жатты. Айыл ичинде "Баласын төрөп таштап, чоңойгондо алып кетиптир, башка ким алып кетмек эле" дешип чуулдап жатышты. Кээси: "Өз баласы болгондо жаман болмок, таап алган баланы ойлогон деле жок, ошонун аркасы менен балалуу болду эле келин-уулу" десе, кээси: "Өздөрү эле ата-энеси табылып калып берип койушуптур, эки күн конок болгон имиш" деп кайдагы сөздөрдү жел учурган камгактай учуруп жатышты. Малик чынында: "Өзүмдүн балам болбогондон кийин чыгым болуп отурамбы, жарыянын баасы бир канча, аман болсо, эне атасын тапса мен аны оңой эле тааныйм, тим эле койойун" деп ата-энесине ар кайсы жакка издөө салып жатам деп койуп жүрө берди. Караматка эле кыйын болду, Эрмектин кийимдерин жыттап алып ыйлап алат, ошентип жүрүп бечара абдан азып да кетти. Жанында чулдурап эрмек болуп калганга кемпир-чал да аябай кейиди. Дарбаза кылдыр этсе: "Балаңар адашып кетиптир" деп бирөө жарым ээрчитип келип калабы деген ойдо дароо сыртка жарышып чыга калышат же күнү-түнү эшикке кулак түргөнү түргөн. Адам баласы баарына көнөт эмеспи: "Ырас эле баласын таштап койуп сырттан акмалап жүрүп чоңойгондо кыйбай алып кеткен экен, уятсыз, адамдын жүрөгүн ойлобогон акмак окшойт, биздин убарачылыгыбызды билгиси да келбеген экен" деп отуруп калышты. Улуу балдары менен кыздары чогулуп гезитке, телевизорго да беришти, бирок ың жыңсыз жоголду. Эрмектин кыял жоругун айтып эстеп калып бир сыйра кейип алышат. Канткен менен өлгөн адамдын деле артында күлкү, өмүр бар эмеспи, акырындап аны да унутуп баратышты. Карамат Эрмектин кичинекейиндеги сүрөтүн атайы алып барып чоңойттуруп келип төрүнө илип алды. Кантсе да балдарын ээрчитип келип, анан да эне боло электе ушул балага энелик мээримин төккөн эмеспи: "Өмүр бойу издейм, уулум. Өлгүчө бир жолугаармын, мен сенин кулагыңдын артындагы сыргаңдан эле таанып алам, аман болсоң эле болду" деп сүрөтүн карап көз жашын сыгып алат.

х х х

Сталбек кыздарына акыры көз жиберип карап алды да:

- Кыздар, силер үйдө болуп Зинаны жалгызсыратпай тургула, менин эки-үч күндүк жумушум бар, анан келип калам, - деди жер карай, - Лира садага, мен тез эле келем.

- Ата, - улуу кызы шар, өткүр, кээ кезде атасынан бетер орой да болчу, ал атасын сынай карады, - сиз менен ачык эле сүйлөшпөйлүбү, сизди биз деле түшүнөбүз, апам баарын айткан, эми ойлоп отурсам, ичтен ойлонуп жүрүп апам өз ден-соолугун талкалап алган экен…

- Кызым, түшүнгөнүңөргө ырахмат, бирок апаңардын жаш кезинен эле жүрөгү ооручу эле го? - Сталбек баарын түшүнүп турса да актангандай сүйлөдү.

- Макул эми, эмне дейсиз, мына жакында биз да үйдөн кетебиз, Зина болсо жаш, окуусун бүтө элек.

- Өзүм келем, Зинаны өзүм карайм.

- Апабыз кошо келеби, мынчалык болгондон кийин ачык эле сүйлөшүп чечип алалы, дос-душмандарыбыз бизди кулак түрө тыңшап турган учуру, апам өлсө эле ар кимибиз ар жакка тарап кетсек болбой калат го?

- Жок кызым, эч ким эч кайда тарабайт, өзүңөрдүн үйүңөр, баягыдай эле болгула.

- Баягыдай болушу кыйын го, бирок сиз бизге чоң тирексиз, ушуну унутпаңыз!

- Болду кызым сүйлөштүк, мен келип калам, жакында Зинанын окуусу да башталат, - Сталбек үйдөн жыла чыкты. Ал ушул тапта чоңойгон кыздарынын алдында өзүн күнөөлүүдөй сезип зорго эле турду.

Айнура уулу менен алышып отурган. Сталбек кирип келгенде "ата-аталап" калган Улан өзүн көздөй талпынганда анын кубанычы койнуна батпай жалынып-жалбарып жатты.

- Оо, садагасы, оо кагылайын күчүгүм десе атасын сагынып калган го? - далдактап кучагын жая уулун ала койуп өпкүлөп "ата, ата, буу-буу", дегенине жетине албай көтөрүп алып ары-бери басып жүрдү. Айнура болсо дагы эле баягы калыбында, күлүп сүйлөшүп же бир сыр айтпайт. Балалуу болгондон бери Сталбек ага көңүл бурбай: "Кайда бармак эле, бала турат, көнөт да" деп өзүн-өзү алаксытат. Бирок баары бир ойлогондо анын түнт мүнөзүнө, баарына кайыл болгондой бир калыпта жүргөнүнө чыдай албай: "Бул эмне деген аял заты, койнуңда жатып же маңдайыңда отуруп чечилип сүйлөбөсө, жадырап күлбөсө, буга караганда дудук аял жарпыңды жазып ымдап билдирсе да кабагы ачык болсо болмок, жоок бул менин зордук менен аял кылып отурганыма эл өчөшүп калды, жаш эмеспи, дагы бирди төрөп койсо анан өзү эле ачылып берет" деп дагы чыдоого бел байлады. Ага эч нерсе дебеди:

- Айнура керектүү оокат ашты тизмелеп бер, алып келе калайын.

- Азыр, - Ал ручка кагаз алып керектүүлөрүн жазып берди эле Сталбек чыгып кетти. Айнура ал келгенче тамак жасап күтүп калды. Келээри менен даамдуулап жасаган тамагын ичип отуруп Айнура Сталбекти карады:

- Мен сага эмне деп айтаарымды да билбей турам, чыны кыйын болду, ырасын айтсам менин эле азабымдан өлдү го деп өзүмдү күнөөлүү сезем. Анткени мен сага жолукпасам жашооңор ойдогудай болмок, аялың оорумак эмес…

- Эмне деп жатасың Айнура, ага го кыйын болду дечи, элүүгө чыга элек жаш кетти. Бирок сенин күнөөң жок, сен антип ойлой бербе да, мен уулум бар бактылуумун, аны менен го жыйырма жыл жашап калгам, ичим ачышып кейидим, алтындай болгон кыздарымдын апасы эле… - Сталбек ойлуу алдындагы чайды тиктеп отуруп калды, - Ал башка сөз, менин эмки милдетим уулум экөөңөрдү оорутпай, эч нерседен кемитпей багышым керек, уктуңбу?

- Угуп атам, эми ушинтип эле биякка бир жүгүрүп, аякка бир жүгүрүп жүрө бересиңби?

- Эмнеге, кыркын чыгаргандан кийин ачык айтып сени биротоло алып барып алам!

- Көнбөсөчү, кечээ күнү азада отурганда сенден сураган тура, ошондо неге айтпайсың десе эмне дейсиң? - Айнура кадимки токтолуп калган аялдардай сүйлөп жатты.

- Эмнеге көнбөйт, кыздарга болсо өлөөрүндө энеси айтып кетиптир, алар каршы болушпайт.

- Өзүң бил, бирок менин ал үйгө барууга эч көңүлүм келбей турат.

- Барасың жаным, барасың, Уланым турганда сен болбой көр, уулумду көтөрүп алып жер кезип кетемин, анан бизди таап көр! - Сталбек уулун эркелетип чечекейи чеч болуп отура берди.

Айнура ойлуу Сталбектин үйбүлөсү менен чогуу-чаран бир үйдө жашаарын ойлогондо: "Кыздары мени өгөйлөшүп, апасынын өлгөнүнө мени күнөөлөп кылдан кыйкым чыгарса канттим, мен андайга чыдай албайм го, ортодо дагы эле Сталбек кыйналат, мага көп эле асыла берсе кетип калам, уулумду көтөрүп дегендей, кенебейм деле, бирок кайда, кимдикине барам, ушу заманда аны ким сүйөт, ким калкалайт?" деп, санаага батып, заманасы куурулуп, дүйнөсү тарып, кең дүйнөдө жалгыз калгандай ичиркенип кетет дайыма. Ооба, адам баласы турмушунда өз ордун таппай, максатына жетпей, жүрөк түпкүрүндөгү эңсөөсү аткарылбай, ойу бир жерге токтобой санааркаганда эч нерсеге көңүлү келбей, жаныңдагы өзүң үчүн бүт өмүрүн тартуулаган адамды көз кырың менен карап: "Менин эңсегеним, күткөнүм, жашоодогу каалаганым ушул беле???" деп өзөгүңдү өрттөгөн ачуу үшкүрүктү, көөдөн аркылуу гана купуя кайталап улутунуу менен сыртка чыгарып аласың, сенин жалын бүрккөн улутунууңда эмне жатканын бир жараткан өзү билбесе башка ким билет? Айнура да өзү каалап, тандап алган тагдырынын келип Сталбекке байланып калганына ичтен өкүнүп кээде кайдадыр эркин учкан куш сымал алыс, алыс жакка басып кеткиси келет, бирок: "Качып келип ушул тагдырыма туш болдум го, эми кайда барам, балам менен кантем? Маңдайыма жазылганы ушу болсо көрдүм…" деп супсуну сууп калаар эле. Айнуранын мелтиреп ойлуу отуруп калганын көргөн Сталбек анын ойун бузду:

- Айнура, сен эмнеге эле мындай сузсуң, менин мамилем, сүйүүм сенин жүрөгүңдү такыр ойгото албадыбы? Дегеле жадырап чын дилиң менен күлгөнүңдү көрбөдүм, же мага кезиккен тагдырыңа нааразысыңбы?

- Өзүм ушундай жаралсам кантем? - Айнура саал жылмайган менен анын жүрөгүнүн түпкүрүндө: "Атамдай адамды туш кылган тагдырыма кантип ыраазы болмок элем, "сүйүүм" деп, мени сүйүп калган имиш, алдагы бала үчүн сүйөсүң, билем" деген кекээр өкүнүчү айтпаса да жүзүнөн сезилип турду.

- Билбейм, мына уулубуз бир жаштан ашты, экөөбүздүн бирге жашаганыбызга үч жылдан ашып баратат, деги бир берилип, чын көңүлүң менен жашап жатканыңа көзүм жетпейт, дале күнүмдүк, убактылуу жашап жаткандайсың…

- Сага ошондой көрүнүп жатса керек да.. - Айнура ойлуу мелтиреп сөзүн андан ары улады: - үч жылдан ашты деп.. Менин жанымда сен бир жылдай гана болдуң болуш керек, качан болсо кайдадыр кетесиң, үч жылдын ичинен сенин келип кеткен күнүңдү эсептесек бир жылга толук болбойт дагы, - Ал саал жылмайып койду, - Ошол бир жылга жетпеген убакыттын ичинде мен сага али да көнө албай жатпайынбы!

- Ой, ой, оо-ой, сен тим эле укмуш ойчул математиксиң го ыя, мен ошону ойлобопмун, чын эле сенин жаныңда болгон убактым… - Сталбек ага көз отун кадап, сөз айтуудан тайсалдай отуруп калды: "Ырас эле, өзү жаш болсо, кээ түндөрү жалгыз калса, мен эки анжы болуп эмне кылаар айламды таппай жүрүп жаш күйөөдөй болуп бере албасам керек, жаш дене, жаш көңүл.." деп ичинен Айнуранын алдында күнөөлүүдөй отуруп калды: "Ансыз деле обу жок кызгана берип азабын колуна бербедим беле, мунун алдында күнөөм чоң, өзү да чечилип сүйлөбөйт, бир сырдуу, миң кырдуу аял затынан, кези келгенде жакшы аял болот" ушуну ойлогондо Айнураны карап жайпактады:

- Айнура, мындан ары жумушка барып келем да сенин жаныңда болом, экөөбүз жомоктогудай жашайбыз, көрөсүң го, биз абдан бактылуу болобуз.

- Болуптур, ишендим. - Ал дале суз жооп берди.

- Күлүп жүрчү жаным, тоңгон муздай болуп жүрө берсең мен да үшүп баратам, кичине жылуулук чачып чалыңа жарк деп койчу?! - Сталбек аны бир колу менен кучактап экинчи колундагы баласын кошо кучактап экөөнү алмак, салмак өөп: - менин бактымсыңар, түшүнсөң мен Уланды көргөндөн бери жер баспай эле асманда калкып калдым.

- Түшүнүп атам, кокус мен өлгөндө кошо кетсе өмүр бойу арман кылып жүрүп өтмөксүң!

- Жок, жок! - Сталбек сөз таба албай Айнуранын оозун колу менен басты, - антип айта көрбө, ансыз да ал итчилигим үчүн өзүмдү-өзүм кечире албай жатам.

- Кээде эстеп койгон жакшы да, сүйлөгөнгө убакыт бербей, өзүңдүн гана жасаган ишиңди туура деп туруп алган мүнөзүң бар экен.

- Туура асылым, менин кичинекей ханышам! - Сталбек Айнураны каткырып койуп кучактап өөп, эркелетип келип колтуктап столго отургузду, - Сен отур, тамакты сага мен куйуп берем, бүгүндөн баштап кухняга мен ээлик кылам, - Ал тарелкаларга тамак куйуп, нандарды ортого койуп койду да стулга отуруп сүйлөй баштады: - Айнура жаным, сен мага дилиңди берип, дитиңди бурчу, сен үчүн баарына даярмын, ушуга түшүнчү?! - Колундагы кармаган кашыгын оозуна жеткирбей сүйлөй берди. Ал Айнуранын ички сырын ачып, тереңде жаткан өкүнүчүн, бугун чыгарып өзүнө болгон каалоосуна, эңсөөсүнө, сүйүүсүнө ушул мүнөттөрдө жол ачууга далбастады: "Кайда бармак эле, алдаса болот жаш башты, каргаса болот как башты" дегендей жибиир, жарк деп күлүп бир күнү үйүмдүн көркү, жүрөгүмдүн ээси болоор" деп ойлоп өзүн-өзү жубатып жатты. Айнура капысынан өзүнө суроо берди:

- Аялыңды сүйүп баш кошкон белең?

- Ык, - дей түштү Сталбек, кантип калп айтат, бир кезде аны да ак эткенден так этип, жолугууга кечигип келсе зарыга күтүп чыйпыйы чыгып кетчү эмес беле, - Айнура, ал эми жаш кыз эле, сүйүүнү деле түшүнгөн эмес экенбиз, өңдүү түстүү кыз болсо артынан жүгүрүп сүйөм, күйөм дечү мезгил артта калбадыбы.

- Чындыгын айтуу да кыйын тура, мына мен да сенин эркиңдемин, уулубуз турат, дагы болсо… - Айнура Сталбекти тике көзүнө карап сүйлөп жатты, - Эгер сага сүйүү экинчи жолу кайрылып келгени чын болсо, үчүнчү жолу да сүйүп калсаң кантээр элең?

- Койчу Айнура, андай болбойт, мен сүйүү үчүн эмес, карандай бала үчүн издедим сүйүүнү…

- Кыз бала эмеспи, алардын баары чоңойуп калыптыр, өздөрүн өзү багат, керек болсо кыздар ата-энеге күйүмдүү болот дешет го?

- Ай, ай жаным, жаштыгың менен түшүнбөй айтып атасың, уул бала деген атанын туягы, орун басары, журт ээси, артымда уул бала калбай өтүп кетемби деп канча санааркадым.

- Мейли эми атакеси, өзүңдүн сөзүң бар эле го, ата-энеңе өзүм алып барам деген?

- Аа-а, ооба, ооба сөз бергем, мына бул ишти бүтүрүп алайын, анан жээнин таята-таенесине сөзсүз алып барып келебиз.

- Өзүң бил, бир сурап койдум да, - Айнура ордунан туруп ыйлай баштаган уулун алганы басты. Сталбек ордунда бир аз отурду да эмеле тамак ичилген идиштерди жууп, тазалап койуп уулу менен аялынын жанына барды. Айнура эмизип отурган уулун бетинен жыттап бытыйган колдорунан кармалап эркелетип бир колу менен Айнураны далысынан сылай ийнине башын койду.

- Менин бактым.

- Бир кезде башка болчу бактың!

- Ушинтпечи жаным, азыр сен, уулум экөөң гана бактымсыңар, ырысымсыңар, силер үчүн жанымды да аябайм.

- Кыздарың мындан да ширин көрүнгөн чыгар, анткени үмүт, тилек бар болчу, кыздарды төрөгөн аялыңды уул төрөйт деп күткөнсүң, ойлогонсуң да, туурабы?

- Ал жөнүндө сурабачы, суранам жаным, бүгүнкү күнү ушул темада сүйлөсөң да бүгүндөн кийин токтотолучу ээ? - Сталбек Айнуранын эмчек ээмп мемиреп эч нерседен капарсыз бытыйган колдору менен мамасын кармалап жатканын эзиле анын ууртунан өөп, анан мамагын да жыттап койду, - мындан аркы бактым только, только силерсиңер!

- Мен да эзилип бүттүм, бирөөнүн бүлөсүн бузган өтө жаман, бактысын, өмүрүн кошо уурдап алгандай өлгөн аялыңдын алдында төө көтөргүс күнөөгө батып калбадымбы?

- Эмнеге антип ойлойсуң, ал өз ажалынан эле өлбөдүбү?!

- Жо-ок, сенин эки күндүн биринде үйүңө барбай бөтөн аял менен катышып алып баарын унутканың үчүн өлдү!

- Андай деп ойлобочу жаным, сени эч ким күнөөлүү деп ойлобойт, мен турбайынбы..

- Эч ким, ошо эч ким унчукпаса да мен өзүмдү кечире албай жатам

- Жок, жок алтыным, эркем, ханышам менин, өлгөнчө сага сөз тийгизбейм. Айнура андан кийин үндөбөдү. Экөө уулун эркелетип отурушуп кеч киргенде телевизор көрүп андан соң жатууга кам урушту..

Биринин артынан бири кербенчилердин төөлөрүндөй чубашып бирде кыйшайып бирде түз жолдо, какыраган чөлдө бараткандай, күндөр өтө берди. Бат эле Сайкалдын кыркын өткөрүп, акырында Сталбек чогулуп калган туугандарына жүрөк өйүткөн маселесин айтып, кыздары ага-инилерине кеңешкени кеп салды. Алардын арасында Сайкалдын иниси, сиңдиси да бар:

- Сөздүн ачыгы, - Сталбек сөздү эмнеден баштаарын билбей бир азга туруп эки жагын каранып алды, - Мени өзүңөр билесиңер, Сайкал өзү дагы бир уул күтүп жүрүп өтүп кетти, арга жок эки жыл мурун балалуу болойун деп бир келин менен жашап жүргөм, азыр бир жарым жаштагы уулум бар… - Инилери менен кайнилери отурган тарапка көз чаптырды. - Эми ошол келин менен уулумду үйгө алып келгени турам.

Отургандар бири-бирин карашты, сөз сүйлөөгө даабай өздөрүнөн улуураагына бурулуп: "Эмне дейсиз" дегендей кыязда карап калышканда ал тамагын кыра мындай деди:

- Сталбек иним, кандай кылсаң да өзүң бил, эми сен бала эмессиң, кандай болгон күндө да үйлөнүшүң керек, өлгөндүн артынан өлгөн адам жок, жашоо улана берет, кыздарга жакшы карап арбакты унутпасаң болду, кантсе да бир топ жыл келин бала менен жашап калдың эле, кыз болсо да үйүңдү толтуруп, ачыңа айланып, тогуңа толгонгон. Мындан аркы жашооң үчүн да кам көрүү зарыл.

- Туура айтат акем, кийинки жашоо да керек, анча болгондон кийин алып келиңиз, - бир тууган иниси Баатыр сөзгө аралашты, - ата-энебизден эрте ажыраганбыз, сизди агамдай эмес атамдай эле сезем.

- Туугандар, - мындайыраак туугандарынын бири үн катты четтен, - кечээ эле аялы өлүп атса, зорго эле турган экен деп кеп кылышпас бекен?

- Кеп кылып эмне кылат, ала турган болгон соң алып келе берсин, үйүнө да караан керек да, кыздары биринин артынан бири бой жетип келе жатат, баласы да бар болсо, эки анжы болбой тынч ишин кылсын.

- Туура, туура ошондой кылган оң, - дешип баары бир ооздон колдоп кетишти.

Ошентип тууган урук, жек-жааты тарагандан кийин Сталбек кыздары менен отуруп кеңешти да ошол эле күнү түшкө маал Айнураны алып келди. Келгенден кийин уулун эки кызы алмак-салмак алып көтөрүп жүрүштү. Бирок Айнура Лирага жакпады. Ал ошол эле күнү ага өгөйлүгүн көрсөттү. Анткени ал төрдө төшөлгөн төшөктү алып баласынын алдына салып өзү эмизип жатса жинденип барып бир тийди:

- Ушунчадан бери бир төшөк алып албай эмне кылып жүрдүңөр, бул апамдын өзү салынчу төшөгү болчу, экинчи алдыңа төшөгөнүңдү көрбөйүн!

- Мм, мейли, башкасын алып уруна берсем болобу, баланын алдына төшөйүн деп ойлогом.

- Буга чейин төшөгүңдү алып келип ал, бул үйдөгү буйумдун бирине колуңду тийгизбе! - деп койуп Лира сыртка чыгып кетти. Айнура отурган жеринде бозала болуп отуруп калды. Сталбек сыртта жүргөн. Уланды көтөрүп эшикке чыкты, бирок эч нерсе деп айталбады: "Мен айткан менен ишенбейт, өзүм эле жек көрүнүп калам, андан көрө тигил үйдөгү буйумдарды алып кел деп эле айтайын" деп ойдогусун айтууга камынганда Лира атасынын жанына келип:

- Ата, бул жеңекебиз апамдын буйумдарын урунбайм, өзүмдүкүн урунам, ар жакка жыйып алгыла дейт го? - деп Айнураны мазактагандай көзүн сүзө карап койуп калп айтканда ал оозун ачып эле калды.

- Эмнеге? - Сталбек дароо Айнураны караганда анын көздөрүнө жаш тегерене түшкөнүн көрдү, бирок башкача ойлоду: "Өлгөн эменин буйумун урунгусу келбей ошенткен го, ошентсе деле кыздарга антип айтпай эле койсо болмок экен" ушул ойуна келгенде чындап эле ага жини келип калды, - Айнура, эмнеге антип атасың?

- Мен анткен жокмун, өзү… - деп келе жатканда Лира ага атырылып кетти;

- Эмне, келбей жатып чагым кылгыңыз барбы, мени жалганга чыгарып өзүңүздүкүн туура ойлойт экенсиз да?! - Лира ошентип ыйлап кирип кетти эле, Сталбек опурулуп Айнурага кыйкырып кирди:

- Эй энеңди, кыздарга асылганыңды токтот, алтын баш бала төрөп ийсең да!

- Мен эмес… - Айнура дагы ыйлап ийди. Сталбек эмне дээрин, кызына же аялына болушаарын билбей дендароо боло туруп калганда Лира верандасынын айнегинен карап туруп өзүнөн кийинки сиңдисине баш бармагын көрсөтүп койду. Айнура селейип уулун көтөргөн бойдон көзүнүн жашын төгүп тура берди. Баласы "Апа, апалап" энесинин көзүнүн жашын аарчып койот. Сталбек: "Бул эмнеси, эки саатка жетпей минтип атышса булар көпкө тура алышпайт, эмне кылсам экен, кой дагы күтөйүн, келип кайра эле кетип калсам болбойт. Айнура жоош, бир мүнөздүү, ашыкча сөз сүйлөчү эмес эле…" деген ойдо өзүн-өзү кармап отуруп санаага бата баштады. Айнура ичинен сызып: "Бир нерсени туура эмес жасап аламбы" деп тартынып жалгыз үйгө кирбей калды. Баласын эки кызы алмак-салмак жакшы көрүп эле жатышат, айрыкча Зина менен берки эки кызы, Лира гана мисирейип туруп алды. Аргасыз күн өткөрмөй жашоо башталды Айнурага. Бир күнү ал түш ченде эшиктин алдындагы чарпаяда уулун ойнотуп отурса Лира келип калды. Айнура аны байкамаксан болуп отура берди. Сталбек уктап жаткан. Лира эшиктен кирип аларды бир карап алып, анан үйгө кирип кайра чыгып эле булкулдап, буркан-шаркан болуп бакырып ыйлап кирди:

- Өзүмдүн апам болсо алдыман тосуп чыгып, берээрге эч нерсесин таппай калат эле, силер апамды атайын өлтүрүп койуп жыргап гана отурасыңар! - деп эшиктин алдындагы турган чылапчынды, чөөгүндү тээп жинденип киргенде Сталбек чоочуп ойгонуп окуянын чоожайын түшүнбөй отуруп калды. Бир топтон кийин гана Айнурадан сурады:

- Эмне болду, бирдеме дедиң беле?

- Жок, эми эле кирген.

- Лира, сага эмне болду деги, айтчы мага?

- Эмне болду деп койот, мынабу мени көрүп тескери карап кетти, өгөйлүгүн көрсөтүп жатат да, өзүмдүн апам болсо ушинтмек беле?!

- Лира, садагасы кызым, ал бала менен алаксып калды го, эми сен болсо үйдөсүң, кирген сайын эле…

- Ооба, коргоп атасызбы, апа, апакебайы-ым, өлбөй кал, өлбөй кал, атабыз болсо бизди бала катары көрбөйт экен! - бакырып, өкүрүп жин тийген эмедей колуна келгенди ыргытып жатканда Астра, Сара келип аны алып үйгө кирип кетти. Айнура Сталбекти аянычтуу карап аста үн катты:

- Стал, мен тигил эле үйдө болсом окшойт, мени эле көрсө Лиранын жинин келип кетет.

- Билбейм деги, эмне кылаарымды да билбей калдым, ушул кыз мени жок кылат го? - Сталбек ойлуу ордунан туруп бакырып жаткан Лирага жөнөдү. Ал балдырап сүйлөп да кыйкырып ыйлап да басылбай жаткан. Сталбек барып Лираны сооротуп, ыйын басып анан кайра сөрүгө келди да Айнура экөө эки жерде өз ойлору менен алышып отуруп калышты.

Ошондон кийин Лира көпкө чейин үйгө келбеди. Ал келбегени баары ойдогудай болуп өтүп жатты. Улан там-туң басып, чала-була чулдурап сүйлөп калганда Айнура бойуна болуп калганын билип Сталбекке айтпай бойунан алдырууну ойлоду эле баягы окуяны ойлоп: "Кокус мен жокто үйгө келип калса дагы жинденип жүрбөсүн, калп айтсам ишенбейт, кийим-кече, оокат аштын баары даяр болсо кайда бардың деп сураса эмне дейм, төрөгөнгө да болбойт, бир бала менен батпай отурам, же Лира күйөөгө тийип кетсе жакшы болот эле.." ушул ойлор менен алышып отуруп: "Баары бир ачык айтпасам болбойт, айтып түшүндүрөйүн" деген ойго токтолду. Кечинде Сталбек жумуштан келип баары чогуу тамакка отурушту. Сара, Астра, Зина үчөө Айнуранын колуна кол, бутуна бут болуп жардам берип турушат. Азыр да тамакты атасынын алдына өздөрү алып келип, баарын өздөрү тейлеп жатышты. Сталбек ушул кыздарына ичинен ыраазы: "Лира болсо такыр башкача кыз болуп калды" деп ичинен тынып ойлуу отуруп тамактанды. Тамак ичилип бүткөндөн кийин экөө эле калып Айнура ойундагысын айтканы Сталбекти карады:

- Стал, мен сени менен кеңешейин дедим эле.. - Ал күйөөсүн сынай тиктеп калды, - Менин бойума дагы болуп калды, алдырып эле койсом дедим эле.

- Эмнеге? Сонун болгон туура, Айнаш, - Сталбек аны эркелете ошентип атады, - Улан жалгыз болбой инилүү болсо эмнеси жаман, кой сен алдырам деп ойлобо, төрөйсүң, мен турбайымбы!

- Азыр Улан жаш, дагы төрөсөм болбой калат го, кичине чоңойо түшсө жакшы болмок.

- Андан эч коркпо жаным, сен төрөгөнчө дагы чоңойот, анан да кыздар бар, өздөрү эле багып алат, кыйналам деп ойлобо!

- Менин тилимди алсаң жакшы болмок, мүмкүн кыз болуп калсачы?

- Ха-ха-ха, - Сталбек бир укмуштай каткыра күлдү, - кыз болуп калса эмне экен, эч нерсе болбойт, азыр менин Уланым бар, сени эч жакка кетирбейм.

- Төрөгүм келбей жатат.

- Антпе жаным, сен али жашсың, колдо бар кудайга шүгүр, багып алабыз.

- Өзүң бил, деги алдырып койсом жакшы болмок, - Айнура аны карап суз тартып отуруп калды.

Айнура акыры төрөгөнгө макул болду, атасы каршы болуп жатса эмне кылмак. Арадан бир айдай убакыт өткөндө Лира келди, ал кызуу экен. Эшиктен кирип эле сөрүнү бир карап алды, анткени ал азыр өтө кызуу болчу, Айнураны көздөй басып дагы бирдеме демекчи болду, бирок тили булдуруктап сүйлөй албады. Сара аны көрүп жетелеп, үйгө кирип кетти. Сталбек жумуштан келгенче ал соолугуп калды да кайра кетип калды. Эч ким эч нерсе деп Лира жөнүндө Сталбекке айтышпады, мүмкүн айтканда алдын алып калат беле?! Ошондон баштап ал кээ, кээде ичип келип Айнурага атайы тийишип, алдына чай койсо ыргыта түртүп, нандарын ыргытып шайын кетирет. Жанына келбей койсо чакырып алат. Бүгүн да ал өтө кызуу болуп келди.

- Эй апашка! - дарбазадан кирип эле кыйкырып кирди, - апашка дейм! - Айнура ага жетип колтуктап үйгө киргизейин дегенде түртүп жиберди, - Эмне кызыңдын мас болуп келгени жакпай калдыбы ыя?! - деп ыргалып турду, көзүн бойогон туштары көзүнүн алдына түшүп ого бетер карала болуп калган, чачтары саксайып, - Эй апашка, сен менин апамсыңбы ыя, жок, жо-оок, апамдын ордун сага бастырбайм, сени жоготом, өзүм да жоголом уктуңбу? - ал теңселе басып үйгө кирди. Бул күнү Сара менен Астра жумушта, Зина болсо мектепке кеткен. Ал үйгө кирип эки жакты карап сиңдилери көрүнбөгөндөн кийин кайра чыкты, - Эй апашка, мага чай берип койчу кудай жалгагыр, - сөрүгө отурду да түкүрүнүп жатты, - болбойсуңбу!

Айнура дасторкон көтөрүп келип жайды да, термостон чай куйуп сунду. Ал аны албай акырая, тиштерин кычырата карап тура берди. Айнура чыныны койойун дегенде:

- Келе?! - деп кыйкырды эле ал кайра сунду.

Лира чыныны колуна алды да оозуна жеткирбей эле кайра Айнураны көздөй чачып жиберди. Ысык чай анын дал бетине тийгенде чаңырып тура калды эле эшик ачылып Сталбек кирип келди. Айнуранын бети ысып-күйүп чыкты. Лиранын мас абалын көргөн Сталбек үнсүз селейди. Айнура болсо үнсүз көзүнүн жашын төгүп тура берди. Экөөнү алмак-салмак карап эси оогон Сталбек бир кезде Айнурадан сурады:

- Эмне болду?

- Көрүп турбайсыңбы, ушул азапты сенден көрсөм мейли эле, ушул убакка чейин эч нерсе айтпай ойлоноор, атасын айаар десем бул мага күн көрсөтөр эмес го?

- Кийимиң эмне суу?

- Кийимди сурабай башкасын сурабайсыңбы, бетиме ысык чайды чачып жиберди!

- Койчу, - Сталбек Лираны карады эле ал отурган жерине кыңкайган бойдон уктап калгандай көзүн сүзүп жаткан экен.

- Бетим ачышып калды. Күйүп калса эмне болот? Сен, уулум деп жүрүп өңү-түсүмдөн ажырап калбагай элем, канча кылыктарын айтпай келатам. Мени тигил үйгө эле алып барып кой, болбосо мен биерде жашай албайм!

- Ал эмне дегениң, мен Зинаны таштап кайда кетем ыя, сага жалгыз ал үйгө эмне бар? - Сталбектин жаны кашайып кетти, - Сен түшүнсөң боло жок дегенде, апасынын өлүмү, менин сага үйлөнүп алганым буга катуу тийди, акырындап түшүнүп эсине келээр?..

- Эсине келеби же биротоло жок болоор бекен, канча күндөн бери ичип келет, бирин да сага айтпайбыз, апасын мен өлтүрсөм да кудай урбадыбы, - Айнура ойлуу сөрүнүн четине отура кетти, - менин бактыма эмес эле шорума жаралгансың го, ушу кызыңдын колунан өлөмбү деп коркуп жүрөм.

- Кайдагыны сүйлөбөчү, сени эле өлтүргөнү туруптурбу, жөн эле ачууга алдырып өзүн кармай албай жатат го? - Сталбек Айнуранын кыпкызыл болуп турган бетинен өөп атып чоочуп кетти, - бетиң ыссып турган го?

- Эмне, мен калп айтып же кызың экөөңөрдүн ортоңорго чагым салайын деп жатат дейсиңби, май сүйкөдүм, күйгөнү эртең билинет да, жаңы кайнаган сууну демдеп келгем, куй дегенинен куйуп суна койдум, куураган жаным.

- Кудай сактасын алтыным, чыдаган жаның дагы бир азга чыдап кой, эгер бул кылыгын токтотпосо сени өзүңчө эле койом, кетебиз экөөбүз тең.

- Дагы канчага чыдайын эми, мына ичимдегини алдырайын десем болбой койдуң эле, төрөөрүмө аз калды..

- Аман-эсен төрөп алып эки бала менен ханышадай жашайсың, чогуу болобуз, мен сени өмүр бойу таштабайм! - Экөө ээрчише үйгө кирип кетишти. Лира өзү мас болгону менен жүрөгү соо эле, чынында атасы баамдагандай апасынын өлүмү, атасынын дароо эле балалуу келинди үйгө алып келиши ага оор тийген. "Апам байкуш ушуларды билип туруп жүрөгү эзилип, оорусу күчөгөн туура, эгер атам буга үйлөнбөсө ооруп калып өлмөк эмес, мен Айнурадан өч алам, аны сөзсүз өлтүрөм да өзүм да өлөм, мага мындай жашоонун кереги жок" деген ойдо өзүнө-өзү ээ боло албай азап чеге берди. Азыр атасынын Айнураны эркелетип, колтуктап үйгө кирип баратканын башын көтөрө карап алып: "Шашпагыла, силерге бирди көрсөтпөсөм элеби?" деп кекенип алды да, башынын ооруп калганына чыдай албай жатып калды: "Ханышадай жашатат имиш, тиги дүйнөгө, апамдын жанына барып ханышадай жашай бер!" ушуларды ойлоп жатып уктап кетти. Эртең таң заарда ойгонду да чыгып кетти үйдөн. "Эртең эрте туруп ачык сүйлөшөйүн" деп ойлогон Сталбектин ойу ордунан чыккан жок. Бирок дале ал кара чечекей кызынан жамандыкты күтпөдү, алдыда кандай окуя болуп кетээрин сезген да, туйган да жок, болгону Айнураны төрөгөндөн кийин башка үйгө алып кетүүнү чечип койду. Азыр эле алып кетейин дейт, Сайкалдын жылдыгын өткөрүшмөк, ошондон кийин алып кетүүнү ылайык көрүп кечеңдетип жатты. Лира дагы көпкө чейин үйгө келбей кетти. Сталбек орноштуруп койгон жумушунан да чыгып алган. Күндө ресторан же кафеге барып отуруп кофеге заказ кылат, өңдүү-түстүү кызга кимдин гана көзү түшпөйт, жалгыз отурган кыздын жанына атайы келип кээде орто жашаганы, кээде жашыраагы, албетте колунда бары отуруп таанышат да ээрчитип кетет, ал буга кайыл болуп калды. "Эптеп күн өтсө болду" деп өзүн-өзү алаксытам деп жүрүп сойкуга, болгондо да акылынан адашкан көчө сойкусуна айланганын байкабай калды. Үйүнө барайын дейт, Айнураны көрсө эле кыжыры келет, барбайын дейт, жигиттер жок болуп калганда түнөөр жайы жок атайы ичип алып келип калат: "Тобо-оо жашы мен курдуу эле болсо керек, анан атама тийип төрөп алганын кара".. Келатып ушуну ойлогондо ого бетер жинденип алат. Күндөгүдөн эрте келди ал, атасынын азыр келе турган убактысы боло элек. Анын үстүнө ал Сайкалга эстелик даярдап жүгүрүп жүргөн эле. Ал эшиктен киргенде чандайып курсагы билинип калган Айнураны көрүп апасынын акыркы Зина бойунда бар кездеги айткандары көз алдына келе үнү угулгансып кетти.. Лира он эки, он үчтөрдөгү кези болчу, короого жүгүрүп кирсе Сайкал дал ушул Айнура турган жерде стулда отурган экен. Эркелей жанына келген Лираны башынан сылай: "Кызым эми сен чоңойбодуңбу, сиңдилериңди карасаң боло, ушунум уул болуп калса атаң кандай кубанаар эле -, деп курсагын аяр сыйпалап алып, - уул эле болуп калса экен, силерге жөлөк боло турган ини болот эле"… деп көпкөө-ө чейин тизесине башын жөлөп отурган кызынын чачынан сылап отурган болчу. Ушуларды эстеген Лиранын өзүнө Айнура бир туруп энесиндей көрүнүп, бир туруп маңдайында кас душманы тургандай кыжыры кайнап барып анын жанына кантип жеткенин сезбей да калды. Айнура өзүн көздөй келаткан Лираны көрө коркуп кетти.

Лира ага жакын келди да эчтеке дебестен кайра ары басты.

- Сара келе элекпи? - Жөн салды өзүн соорото сурап койду.

- Жок, келе элек.

- Улан кайда? - Эзели сурабаган баланы сураганда Айнура чындап коркту.

- Уктап жатат.

- Хм, ханышадай жашап жатам дечи, өзүң бек, өзүң бий болуп?! - кекээр үн катты.

- Мм.. - Айнура эмне дээрин билбеди, эгер бирдеме десе мындан жакшылык болбосун билет.

- Сүйлөбөйсүңбү?! Эмне, сулуусуң, жашсың өзүңө теңдүү эркек таба албадыңбы? - Ал Айнуранын маңдайына келип тура калды эле ал басып кетейин дегенде ал жолун тосту, - айтпайсыңбы ыя, менин атамды сүйүп калдыңбы, анын үйбүлөсү бар экенин, кыздары чоңойуп калганын билген жок белең?

- Жок…

- Кантип? - Лиранын ачуусу келгенинен көздөрү чо-оң болуп ушул саам жаш тегерене түшкөнүн өзү да сезбей калды. Айнура анын бул турушунан чоочуп да тайсалдап да турду. Барган сайын Лиранын колдору калчылдап, унчукпаганына жинденип, - Эй, апашка, жооп бербейсиңби?!

- Эмнени сүйлөйүн? - бүжүрөп өзүнүн коркок билиш болгон абалына намыстана түшкөн Айнура бир кезде чыдай албай кетти, - Эмнени айтайын сага, атаңдын айлап, жылдап камап жүргөнүн же башымды бөтөлкө менен жара чаап өлтүрө жаздаганын айтайынбы?!

- Эмне-е? - Лира бир азга үнсүз боло калды да, - калп айтпа, менин атам андайга бармак эмес, сен менден актаныш үчүн ушуну ойлоп таптың, мен ишенбейм!

- Ишенбесең өзүң бил, ишендирем деп далбастабайм.

- Ыя, сен мени менен кайым айтышкың келип жатабы, эй сен кимсиң билесиңби, сендейди токол дейт, апамдын барында атамды азгырып алып тийгениң үчүн сен токолсуң!

- Оозуңа кара, мен токол-мокол эмесмин.

- Аа-аа сен ханышадай сезет турбайсыңбы ээ? - анын атасынын: "Ханышадай жашайсың, жаным" деп колтуктап баратканы көз алдына келе калды: "Мен сени ханышадай жашатам" мыскылдуу жылмайып алды да негедир өзүн кармай албай Айнураны жетип жакадан алып тегеретип жиберди, - менин апам өлүп кара жердин алдында жатса, сен ханышадай жашайсыңбы? - муунта баштады, ошол учурда Сталбек дарбазадан кирип келе жаткан эле:

- Лира, эмне кылып жатасың, койо бер! - деп кыйкырганда артын бир карап алды да күч менен түртүп ийди. Айнура көмкөрөсүнөн катуу жыгылды. Сталбек ага жетип өйдө кылып каралап калганда Лира көздөн кайым болду. Айнура эсин жоготуп койуп көптөн кийин көзүн ачты.

- Ичи-им, ичим катуу тийди, тез жардам чакырбасаң өлүп калам го, ой жаным ай, - кара терге түшүп онтой баштады.

Сталбек шаша-буша Айнураны көтөрүп алып машинасына салды да доктурду көздөй жөнөдү.

х х х

Асылкүл уктап жаткан Эрмектин жанында ойлуу отурду: "Издеп жатышат болду бекен, кокус кармалып калсам эмне кылам, бир жумадан бери убара тартып издеп таппаса тынчып калаар…" ушул учурда Эрмек чоочуп ойгонду. Эки жагын элеңдей карап кайра көзүн жумуп жатып калды:

- Эрмек, турчу берекем, кардың ачты го, бирдеме ичип алчы, жүрү ойнотуп келейин, - Асылкүл эңкейип баланын жүзүнөн сүйүп өйдө кылайын дегенде ал болбой койду, көзүн ачпады. Бир жумадан бери ичкен уйкунун дарысы же аны шалдыратып койгон белем, сүйлөбөйт, же ата-энесин сурабайт, же тамак ичпейт, суусаганда гана кант кошулган муздак чайдан жутуп алат. Нес болгон эмедей сулк, кээде гана: "Атама баям, апама баям" деп айтпаса ашыкча сүйлөбөйт. Асылкүл андан чочулагандан дары бербей калды: "Кокус зыяны тийип жүрбөсүн, кыйнап албайын, дагы бир жумадай кармасам унутуп калаар, анан көнбөй каякка бармак эле" деп ойлоп ойунчуктарды жанына койуп, өзү жанынан чыкпай отурду. Конфет, печенье, шоколад, колбасаларды карматып эптеп эле баарын унуткарып ойноп калса деген үмүттө. Бирок баары бир коркунуч көп эле, бала чоңойгуча аны көчөдө эркин алып жүрүш коркунучтуу. Эрмек ошол бойдон сүйлөбөй калды, Мирбек жетелеп ойнотойун десе да болбойт, жарытып тамак ичпейт. Асылкүл абдан бушайман болуп жатты: "Капырай бул эмнеси, куса болуп жатабы, кой бул үйдү сатып орун которойун да, баланы үйдөн чыгарбай карайын. Кудайга шүгүр, бир аз акча бар, ата-энеме түндөп барып эмне жаңылык болуп жатканын угайын да, Эрмекти аерге койуп койойун, алаксып кетээр". Асылкүл дал ошондой кылды. Бир ай бойу жарыя берип жүрүп акыры үйүн сатып Арчабешиктен эки бөлмө дурус бүтө элек, короосу тосулбаган үй алды. Ата-энесине барса Эрмекти алып калбай койду эле аргасы кетип апасын өзү менен кошо шаарга алып келип алып өзү соодага чыга баштады. Эки баласы өзүнө жардам берип жанында. Бир күнү Ош базарында соода кылып отуруп оңой акча табуунун амалын угуп ошого баш оту менен кирип алды. Адегенде өзүндөгү отуз миң сомун он кишиге берип күндө кечинде чогултуп кол койдуруп турат. Ошентип анын акчасы иштеп жатты. Бир күндө отуз-кырк адам келип акчасын төлөп кайра алышат. Миң сом алганы элүү сомдон төлөгөндө бир айда бир жарым миң болуп отуруп бир айда отуз миңи кырк беш миңди түзүп ойда-а иши жүрүп кетти. Кеч күз болуп калган, күн суук тартып берген акчаларынын экөө-үчөөнү күтүп отуруп абдан үшүп кетти. Күткөн адамдары келип берчүсүн берип кайра дагы сураганда ал: "Эртең келейин, бүгүн кеч болуп кетти" деди да үйүнө жөнөдү. Ал келгенде Эрмек босогого уктап калыптыр, апасы болсо ичип мас болуп алып көчөдө турат.

- Эй апа, бул эмне кылганың ыя, баланы карамак турсун өзүң тойуп алгансың го, ушул кантип болсун, мен сени караан болот деп алып келсе… - Ал ачуусуна чыдабай булкулдап Эрмекти көтөрүп жаткырды да өзү ысык чай ичкиси келип чай койду. Эти ысытмалап чыдай албай турса да Эрмекти тургузуп чай берүүнү ойлоду. Ал болсо жалдырама тийгендей дагы деле бир калыпта.

- Эрмек, чай иччи садага, бирдеме жеп алчы, кудай ай, муну билгенде сени ордуңдан козгобойт элем го?! - Асылкүл баланын көкүлүнөн сылай көзүнүн жашын сыгып алды, - Эмне кылсам экен?

Ал тамак ичпей чайдан бир чыны ичип жатып алганда Эркинге карады:

- Уулум, тиги пакетте эт бар, асып койчу, мен ооруп турам, ысык шорпо ичейин.

- Азыр, - Эркин апасынын айтканын илгиртпей орундатты.

- Мобу баланы эки жакка ээрчитип чыгып көңүлүн ачып, ойнотуп келгилечи эртең, морожный алып бергиле.

- Макул, аның ээрчиткенге да болбой жатпайбы, бекер кылдың апа, татынакай сүйлөп, ойноп жүргөн бала бизге көнбөй атайы ушинтип жатат.

- Эмне кыл дейсиңер, жаштайымдан алкаштардын үйүндө өсүп жакшылык көрбөдүм эле, ушу силерди ойдогудай, эч нерседен кейитпей багам деп отуруп өзүм качкын болдум, жалгыз кызымдан айрылдым, ушуну өлгөндүн ордуна көрүп жүрөйүн дедим да, болбосо… - Асылкүл эчкирип ыйлап жиберди. Апасы бөлөк бөлмөдө эч нерсени сезбей уктап жаткан. Кээде эле бир ичип койбосо арак деген эмени көрөйүн деген ниети жок. Баланы эрмек кылып ары-бери жетелеп алаксытат экен десе өзү өлөрчө мас, алтымыштан ашты, дале ичкенин токтотпойт, ички үйдү карап койду.

Ошол күнү Асылкүлдүн түшүнө кызы кирди: "Апа, менин айтканымды укпадың, баланын убалына калдың, эми сенин да тартар азабың көп, сен эми шал болосуң, шал болосуң", деп үнү жаңыра кайталап жатыптыр. Чоочуп ойгонуп: "Жаман түштү жакшыга жоруса, түштүн мойну кылдай, жакшыга бурулуп кетет дечү беле?" деп муздак сууга бетин чайып, ичип алайын десе эки буту "зырп" дей түштү, бирок эптеп ордунан туруп суудан ичип бетин жууду да, көргөн түшүн эстей баштады: "Баса, ал балага тийбе дегенин эстеген эмес экемин да, эми эмне кылам, жок, жок ал сүйлөйт, мен азап тартсам мейли, Эрмегим кадимкидей болуп кетсе болду эле…" отурган ордунда ушуларды ойлоп кудайга жалынып жатты. Эртеси жумушка барды, бирок буту-колу зыркырап ооруп чыдай албай койду. Ордуна Эркинди койуп өзү үйүнө келип кечке жатып: "Сууктап калдымбы" деген ойдо өзүн-өзү карап өзү билген ырым-жырымды жасап жылууланып отурду. Негедир Эрмек "апа" деген сөздү кайрадан айтып аз, аздап ойной баштады. Ал эми Асылкүл болсо күндөн-күнгө бутунан жыла албай төшөк тартып калды. Ошондо гана баягы кызынын түшүнө кирип: "Намаз оку, кылган күнөөлөрүң үчүн кечирим сура, азапты көп тартасың" дегенин ойлонуп, жүрөгү шуу дей түштү да, айылдын молдосун үйүнө чакырып дем салдырып, намаз үйрөнүүгө аракет жасай баштады. Айлап төшөктө жатып, баласынын көмөгү менен даарат ушатып азап чекти. Анын ооруганы кандай башталса, Эрмек ошондой эсине кирип кадимкидей болуп Мирбектин артынан ээрчип калбай калганда жаткан жеринде көзүнүн жашын куйулта өзүнүн ооруганы эсинен чыгып кубанып жүрдү.

Күндөр биринин артынан бири көзгө илээшпей өтө берди. Баягыдай киреше жок, акчасынын акырына чыгып калуудан коркуп Эркинди базарга чыгарып тачка түрттүрдү. Буту иштебей калганы эки колу да кошо кыймылга келбей даарат ушаткандан заарканып: "Кыз бала болгондо жакшы болбойт беле, эркек бала уялып анча карай албайт экен, кудай ай, ушул азаптан көрө алып эле кетчи" деп ыйлап жатып кайра өзүнө-өзү дем берет: "Жок, жок, мен өлүп калсам эки балам, Эрмегим эмне болот, оо жараткан ден-соолу берегөр, кетирген күнөөмдү кечирегөр, пендечилик кылганымды кечир" деп күнү-түнү зар какшап кудайга жалынчу болду. Апасы болсо: "Шаарыңа көнө албайт экенмин, сен доктурга көрүн, мен кетейин" дегенде жол киресин берип жөнөтүп ийген. Асылкүл үчүн күндүн өтмөгү, таңдын атмагы азап. Намазды үйрөнгөн менен даарат алып же кыймылга келе албай кыйналды, бирок жаттай берди, куран китепти алып окуп жатып төбө чачы тик турду. "Менин күнөөм чачымдан да көп туура, о-о кудай пендем деп жаратканың чын болсо мээримиңди сала гөр, билбей кылган күнөөмдү кеч" деп келмени айтып ар бир ичкен тамагына куран окуп, "биссмилла" деген сөз оозунан түшпөй калды. Мирбек менен Эрмек кирип чыгып үч маал Эркин жумуштан келгиче карап турат. Арадан билинбей бир жыл өтүп кетти. Эркин бул арада бой жетип, үй жайга карамдуу, атасынын өзүн тартып жоош болду. Балдарын маңдайына койуп алып билбестик менен жасаган күнөөсүн айтып:

- Силер мендей болбогула, бирөөнүн буйумуна кара санабай, таап алсаң ээсин таап бергидей болгула, мен силерди ачкадан өлтүрүп албайын деп далбастап уурулук да кылдым, алдадым, кудай деп намаз үйрөнүп, куран окуганды билгиле балдарым, - деп күндө какшайт.

- Апа, жакшы болуп кетсеңиз эле болду, дары дармек сатып алалы, врачка көрүнбөйсүзбү, - Эркин апасына бор ооруй чын ниети менен айтты, - Мен да иштейм, дарыланыңыз, жакшы болуп кетсеңиз экен.

- Уулум, кудай буйруса зыркырап ооруганы басылып калды, эми эптеп басып кетсем болду эле… - Асылкүл буттарын кармалай ойлуу сүйлөдү, - Атаңар дагы менден көңүлү калып, сүйлөшпөй койду. Эмне кылайын, мени шайтан азгырган тура, байкуштун көңүлү калганчалык болду, түрмөнүн азабын тартып калыптыр…

- Эмне, атам бошонсо бизге келбейби? - Мирбек апасын суроолуу карады.

- Ооба уулум, ал келбейт окшойт…

- Мен барам, эмнеге келбейт экен, мен чоңойдум, атама баарын түшүндүрөм, - Эркин ишенимдүү айтты муну, - сизден көңүлү калса бизден калган жок да, балдарын кечип иймек беле?

- Ким билет балам, мына бирөөнүн олчойгон акчасын алып качып үйлүү жайлуу болуп жашап жатабыз, ушул арам акча жакпай жатат окшойт. Андан көрө менин бир аз акчам бар, ошону мен айткан дарекке алып барып берип кой, кат жазып кечирим сурайын, толук бералбасам да жарымын берейин.

- Макул апа, эртең эле алып барып берип келем.

- Ошент балам, күнү-түнү ойлоно берип кыйналып кеттим.

- Туура кыласыз апа, эми деле кеч эмес, - Эркин апасына жан тартып эптеп эле ордунан туруп басып кетишин тилеп жүргөн, - Мени кармап алса эмне кылам?

- Сен үйдү акмалап туруп үйдүн ээси ким деп сура, ошондо карыган адам чыгып Үсөн деген болсо эле бирөө берип ийди эле дегин да дароо жөнөй бер.

- Макул, анда эртең эрте туруп жөнөйүнбү?

- Ооба, - Ошону менен сөз бүтүп тамактангандан кийин жатып калышты. Эрмек тыпыйып Асылкүлдүн жанына жатат. Анын бышылдап уктап жатканын көрүп: "Садагасы кетейин белегим менин, ушунун калыбына келип калганы жакшы болду, муну көп элге чыгарбаш керек, белгилүү бала, мунун сыргасын көрсө дароо тааныйт, качанкыга жашырам кудай ай?!" Муңканып алды ичинен...

Бере турган акчасын санап жоолукка түйдү да бекитип жүргөн билерикти кошо салып кат жазып кечирим сурады, жалынып, жалбарып жазды катты. Андан кийин түнү бойу уктабай ойлонуп чыкты: "Касымчы, аны канттим, ал дагы мени каргап жүрөт го?"

Эртең менен күн чыкканда ойгонсо балдары эбак туруп үйүн жыйып, тазалап бүтүп чай ичип жатышыптыр. Асылкүлдүн ойгонгонун көргөн Мирбек чөөгүндү алып келип бетин жуудуруп сүлгү берди да тамак куйуп алдына койуп өзү жанына отурду. Эркин дарек жазылган кагаз менен акча салынган пакетти алып кетмек. Ал босогодон аттай бергенде Асылкүл токтотуп:

- Эркин, сен ал кишиге жөн гана аманат аткарган киши болуп, сизге берип жиберди эле деп кана пакетти бер да буйдалбай баса бер! - деди көңүлү тынчыбай сарсанаа болгон кейипте.

- Ооба апа, сиз айткандай жасайм, - Эркин ишенимдүү жооп берип анан артка кайрылып апасынын ойлуу отуруп калганына бору ооруй карап чыга жөнөдү. Кантка кетчү маршруткага отуруп алып болжолдуу жерден түшкөн Эркин бир аз жүрөксүп: "Калганын тап бербесе сотко берем, кайда ал, сенин энең болуп жүрбөсүн, милиция ээрчитип кошо барам, сен аны таап бересиң" десе эмне кылам?" деп ойлонуп айылдын четиндеги дачага окшогон бак-шактуу үйдү беттеп баратты. Анын келатканын короонун четинде турган Үсөн көрүп: "Бул ким болуп кетти, менин балдарыма окшобойт" дегендей карап турду утурлай. Эркин жетип эле ага кол суна учурашты.

- Ассалоому алейкум ава!

- Ал-леки салам, кел балам.

- Ава, бул үйдүн ээси ким болду экен? - Эркин үй жакты көздөй ээк кага көрсөттү.

- Мен балам, атам заманда бул үйдү өзүм куруп ушул кезге чейин өзүм ээмин, атым Үсөн. А сага ким керек эле?

- Сизге бирөө аманат берип жиберди эле, ушуну берип койойун деген элем, өзүм шашылышмын, атайы айтканынан кайрылып таштап өтөйүн дегем, - Эркин колундагы пакетти Үсөнгө сунду.

- Бул эмне экен? - үсөн таң калгандай пакетти алып сурап койду.

- Мен деле билбейм, бирөөнүн аманатын бейчеки ачканга же эмне деп сураганга болбойт да, эмесе мен кетейин… - Эркин артына бурулуп жөнөй бергенде Үсөн ага карап үн салды.

- Уулум, даам ооз тий, куттуу үйдөн кур чыкпа дегендей…

- Жок аба, мен шашып жаттым эле, рахмат! - шашып-бушуп ылдамдай басып кетти.

- Өзүң бил, - Үсөн: "Ботом, бул аманатты ким берди экен, эмне болсо да үйгө кирип ачып көрөйүн, аманатты ачып көрбөгөн тартиптүү бала окшойт" деп ойлоп карааны узап бараткан Эркинди карап күбүрөнүп алды да үйгө кирип пакетти ачып түйүнчөктү чечип караса акча, арасында бир бүктөм кагаз, кызыга түшкөн Үсөн катты ачып окуп кирди:

"Саламатсызбы Үсөн аке, мен сиздин алдыңызда чоң күнөө кылдым, бирок ушунча жыл жүрөгүмдү өйүтүп келдим. Ушул ишке мен аргасыз элем, күйөөм түрмөдө, төрт балам менен жашоодо абдан кыйналып турганда сиздин үйүңүзгө барып даамыңызды татуу буйруптур.. Чынымды айтсам мен ошол кезде күйөөгө тиймек эмесмин, болгону жардамга муктаж аял элем. Эми сизден кечирим сурайм, кечириңиз кеч болсо да, азыр менин абалым оор, бир жарым жылдан бери жылбай төшөктөмүн, эгер иштеп таап калсам калган акчаңызды берип жиберем. Кечирип койуңуз, мендей бейбак, шордуу аялды?! Асылкүл. "

Бул катты окуган Үсөн акчаны санады, туура миң сомдуктан кырк экен. "Демек жарымын бериптир" деп ойлонгон Үсөн ичинен аяп турду: "бечара төрт бала менен күйөөсү түрмөгө түшкөндө кыйналган тура, андан көрө ошондо ачык айтса болмок экен, аттиң ай, жөн эле жардам бербейт белем, пайгамбар жашына бардым, эми мага эмне керек, кечтим калганынан, анча акчаны көрүмө ала кетмек белем, ушундай бейбечараларга жардам бергеним дурус болоор…" деп көпкө отурду. "Калганын албайм деп айтмак экемин, жанагы бала да кетип калды, менин эмнеме жетпейт, балдарым болсо баары ойдогудай, кудайга шүгүр, бул аялдын дарегин таап кайра эле берип койойун, төшөктө жатса керек болот дарыланганына" деп ойлоп койду да акчаны сандыгына салып жатып билерикти ары салдыра, бери салдыра карап: "байкуш кемпиримдин белеги" деп билерикти сылай кармап отура берди.

***

Асылкүл уулу Эркин келгенче сарсанаа болуп жатты. Кеч күүгүмдө кирип келген уулун көргөндө кубанып кетти:

- Кандай таптың балам, бердиңби аманатты?

- Ооба апа, берип эле кайра тарттым, нан ооз тий дегенинен болбодум, билип калса кармап калчудай болуп коркуп баса бердим.

- Ырас эле кылыпсың, ким билет, ошончо акчаны уурдаткан адамдын ичи ачышып зорго эле турса керек.

- Билбейм, таң калып эле кала берди, мен ансайын шашып, кеткиче чыйпыйым чыкты.

- Бир оор жүктөн кутулгандай болдум, - Асылкүл терең дем алып алды, - кудай кечирсе экен күнөөмдү.

Ал ойлуу телмире отуруп: "деги бул дүйнөдө бактысыз жаралган экемин, ата-энем бар болуп менин оор абалым жөнүндө ойлоп да койушпады, бир тууганым да карабайт, ушул алымды көрүп билип кеткен энем бир басып келбеди. Оо кудай, дарт бердиң, дабасын кошо бере гөр, душманга таба, тууганга күлкү кылба, ушул оорудан сакайып кетсем бейбечарага жардам берейин, жетим-жесирге колумдан келсе кайрылышайын, мен чектен чыгып кеткен күнөөлөрүм үчүн жазамды алдым, кечире гөр, жараткан!" деп жаткан жеринде көзүнүн кычыктарынан жаш сарыгып ага берди: "Эрмек бешке чыгып калды, отургузуп бир милдетинен кутулсам болот эле, өзүм минтип жатсам, ким жасайт?" муну ойлогондо ого бетер муңкана шуу эте үшкүрүп алды: "Эмне кылсам, тойчук кылбай эле отургузуп койсомбу, айыкканча Эркин караар". Ал кечинде уулу келгенде ага кеңешип Эрмекти отургузууну чечти. Эртең шаршемби, ушул күнү кудайдын улуу күн делип, сүннөт тойду, бала отургузууну ылайыктаган эмеспи. Асылкүл чындап аракет кылып, жаткан жеринде уулуна баарын дайындап коңшу келинди чакырып тамагын эртелеп даярдап устаны чакыртып, түшкө маал Эрмекти сүннөткө отургузуп, устага көйнөк-кече менен эки жүз сом берди да узатып койушту. Эрмек деги эле жоош, анча-мынча ыйлаганы менен көп чырдаган жок, ойунчук, конфет карматып койсо алаксып калды. Түнкүсүн Эркин жанына жатып алып карап чыкты. Заара кылганда бир ыйлап алды, андан кийин көшүлүп уйкуга кирди. Асылкүл дагы бир жүктөн арылгандай жеңилдей түштү: "Ачкадан өлсөм да бирөөнүн кылына кара санабайын, дартымды ала көр жараткан, кечире көр, билип-билбей жасаган күнөөмдү кеч?!" ал жатса да ушуларды оозунан түшүрбөй эми кураны каримди окуй баштады. Мирбек апасы менен кошо окуп жүрүп ал да намазды үйрөнүп, куранды жатка билип калды.

Убакыт деген уттурбайт, адамдын өзүн утуп кетет эмеспи. Дегеним, адам баласы убакытты үнөмдөй албай күндүн кантип батканын, таңдын кандай атканын сезбей калам деген жумушун убагында бүтүрө албай алагды болуп күндөр өтө берет. Ошол сымал Асылкүл бардык нерсенин кымбаттыгын, асылдыгын, тазалыгын төшөк тартып жатып калганда гана билди, болбосо эки буту тыпырап азоо аттай туйлап жүргөндө денсоолуктун кымбатын, оорунун кордугун, үйбүлө, күйөөнүн чогуу жашаган асылдыгын, адамдын бала кездегиси гана таза экенин билип отурат. Көр пенде деген ошол эмеспи, жокко чыдай албай, барга тез эле манчыркап кеткен.

Ал бир күнү түш көрдү, түшүндө Адина кирип тээ алыстан эле кол булгап жатат, ага жетмек болуп жүгүрүп баратып бир чооң коргонго туш келди, анын ичине кирип алып кыдырып жүрөт, кызын издегенсийт, көзүнө Адина көрүнбөдү. Бир кезде кана бөлүнгөн бөлмөлөрдү кыдырып баратса эле алдынан ак сакалдуу карыя чыга калды да: "Кызым, сага бул жакка келгенге болбойт, жаңылып келип алыпсың, эртерээк чыгып кетпесең бул жакта калып каласың, эрте жөнөгүн!" дегенде Асылкүл болбой эле: "Аба, мен кызымды издеп жүрөм, бир эле көрүп алайынчы?" дегенде Аксакал аны колдон ала жетелеп босогого алып келди да короонун ичине карап: "Кызың тээтигине, ал бияктын кишиси, сен биякка келбейсиң, убакытың келе элек!" дегенде Адина тээ төр жагында апаппак кийинип алып өзүн карап туруптур. "Адина-аа" деп кыйкырып, аны көздөй жөнөйүн дегенде короонун эшиги бекилип калды. Ошол замат Асылкүл да ойгонуп кетти, көл-шал болуп тердеп, ыйлагандай көздөрү да сууланышып калган экен. Оозу кургап, жүрөгү түрсүлдөп кагып жатканынан муздак суу ууртагысы келди. Жанына күндө койуп койчу муздак чайдан ичти да жатып калды. "Бул эмнеси, ушул оорудан айыгып кетсем экен, баса чоң коргондон алып чыгып койгонуна караганда мен өлбөйт экемин, кудай буйруса сакаят экемин". Ушул ой келгенде көңүлү сергий жанында бейкапар уктап жаткан Эрмекти карап койду. "Эми мунун туулгандыгы жөнүндө справкасын алыш керек, кантип алам, акушеркага сүйлөшүп туулган күнүн жазып берип документ даярдаш керек эле, минтип жатсам кайда-аан?" кайрадан көңүлү чөгүп заманасы куурула түштү.

Таң менен кошо түйшүк башталып кайрадан көчө элинин, жолдогу маршруткалардын тынымсыз жүрүп турган дабышы кулак мээни жейт. Эки жылдан ашык төшөктө жатып арыктап, өңдөн азган Асылкүл тыштан кобур-собур үн чыгып бирөөлөрдүн кирип келе жатканын тыңшап босогого тигилди. Аңгыча апасы, иниси, анын артынан Бекболот кирип келатканын көрүп таң калып бир эсе кубанганынан алар учурашып отургуча эле көзүнүн жашын төгүп жиберди.

- Асылкүл кандай, сени оору деп угуп чыдай албай апамдарды ээрчитип келдим, - Бекболот Асылкүлдүн жанына отуруп ал абалын сурап жатты.

- Эже кандай, жакшы болуп калдыңызбы? - иниси аны бетинен өөп учурушканда ого бетер буркурап ийди.

- Мен куруйун, мени кудай алмак беле, Адинамды айтсаң, жаштайында жайрабадыбы-ы!

- Уктум, башыбыздан ушундай жамандыктар өттү, эми балдар киши болуп калды, - Бекболот да көз жашы кылгыра отуруп калды. Ушул учурда апасы сөзгө аралашып калды. Ал да болсо жазмыш, ичээр суусу түгөнсө адам баласын сандыкка салып катсаң да баары бир өлөт, уучуңар кур эмес, Адинадан туяк калды, ошого да шүгүр дегиле. Кайда жүрөт, мага көрсөтчү? - Бекболот жээнин көргүсү келип сыртты карады эле, эми эле этек кийип алып ойноп жүргөн Эрмекти Мирбек ээрчитип кирди, - Кел, келе гой садага, мен атаң болом! - Бекболот эки колун суна балага жүткүндү. Эрмек чоочуркай туруп калганда Асылкүл аны карап.

- Эрмек садагасы, бар-бара гой атаңа, атаң келди! - деп сүрөп койду эле ал балалык байоолугу менен негедир аны бүшүркөй карап туруп калды. Чындап эле ал азыр бала болсо да "ата" дегенди укканда көз алдына өз атасы келе калгандай.

- Ата-аа! - деп бакырып ийбеспи, - Ата мени таштап кайда кеттиңер, мен силерди сагындым, апамды, чоң-атамды, - кучактап алып ыйлай берди. Ушул учурда Асылкүл коркуп кетти.

- Эрмек, Эрмектай, апаң мен турбайынбы, түш көрүп сени сагынган го? - деп кайпалактап ийди.

- Мени биринчи көрүп атса кайдан сагынмак эле жөн эле чаташтырып жатат го, ээ Эрмектай, - деп Бекболот таң калганын жашырган жок.

- Узун жомок ал, эми Мирбек тур эшикке Эрмекти ойнотуп кел, айыга элек чочосун оорутуп албасын кара жакшылап.

- Ооба, мен жакшы эле карап жатам, - Мирбек баланы колдон алган бойдон сыртка чыгып кетти.

Асылкүл болгонун болгондой кылып айтып да, ыйлап да жатты. Бекболоттун баягы өзүн карабай басып кеткенин эстеп, кайрылып келгенине бир эсе кубанса бир эсе таарынгандай болуп көбүнчө иниси менен сүйлөшүп атып апасына кайрылды.

- Мен чыныда силерден туулуп калганыма өкүнөм, - Асылкүл апасына өктөө кыла сүйлөдү, - силердин азабыңардан элдей болуп жашайм деп, кыска акылдык менен туура эмес иштерди жасап акыры келип бул азапка кабылдым, дүйнөдө эки буттан алган кесел жаман тура, дагы жакшы ушул эки балам мага арка-жөлөк болуп колу-бутума ушулар, баарынан эркек баланын горшокко отургузганы жаман экен… - үнү каргылданып кетти.

- Дагы эле мага асыласың, мына арак ичпей деле калдым, биз эми карыдык, нааразы болсоң да болбосоң да өмүр өттү. Чоңойдуңар, өз арабаңарды өзүңөр кылдыраткыла!

- Кимге айтам анан арманымды, күйүтүмдү, кимге? Же ата-энеден, же күйөөдөн көрбөй, бирөөнүн кызарган буйумуна көз артып жүрүп ууру кылдым, ала качтым, жула качтым, пешенем экен, эптеп үйлүү болгондон кийин ооруп калдым, эми бул оорудан кутуламбы же айыкпай өлүп каламбы ким билет?

- Кудай де, кудай өзү сактасын, сакайып кетээрсиң, - Бекболот Асылкүлдүн көңүлүн жубата сүйлөдү.

- Эки жылдан ашты, жамбашым да ойулуп барат, Эркинге жүк түштү, байкушум абдан зээндүү, окубай да калды, эгер булар болбосо мен эмне күндү көрөт элем? Эрмектин баккан ата-энеси деле каргап жаткандыр, бала неме дале унута элек окшойт, коркуп кеттим.

Алар кобурашып отурганда Эркин келип калды, атасын көрүп делдейип калды эле Бекболот:

- Кел уулум учурашалы, сен азамат болуп калган турбайсыңбы, Тынчтык болсо түрмөдөн-түрмөгө түшүп болбой калды.. - деп Бекболот Эркинди кучактап ата-бала бир топко ыйлап турушту. Асылкүл күйөөсүнүн кайрылып келгенине ичинен кубанып жатты: "Байкушум, менин ооруп калганымды угуп келип калганын кара, кантсе да бала кезден баш кошподук беле, кантип жамандыкка кыйсын" деп улам эрин карап койот. "Биротоло келдиңби" деп сураганга оозу барбады. Ал күнү үчөөнү коноктоп Асылкүл каткан акчасынан берейин десе Эркин:

- Жок апа ал керегиңе жарайт, менде бар, - деп дароо чыгып кетти.

- Садага болойунум десе, эстүү болду, болбосо бул да <тынчтыктай болсо алда качан жоголмок, поледе иштеп жүрдү, тапканын коротпой үйгө алып келет, - Асылкүл уулун мактап бүтө албай жатты.

- Мирбек кандай, ал дуруспу? - Бекболот кичүү уулунун кандай экенин билгиси келип турду.

- Мирбегим да жаман эмес, ал азыр намаз окуйт, куранды жатка билет, ууру кылсам да ушуларды жакшы багайын деп тапканымды тамагына, кийимине жумшадым, кудайга шүгүр, эмгегим текке кеткен жок.

- Мейли эми эки бала тентек чыгып өз тагдырын алган экен, ушул экөө адам болсун.

- Ошо да, эми сен… - Асылкүл баятан берки ички ойун сурайын дегенде Бекболот дароо аны сүйлөтпөй сүйлөй баштады:

- Эми мен биерден кетем, сени көрөйүн, балдарга учурашайын дедим..

- Кайда барасың, үй бар, бала-чакаң турат… жээ-э мени багып куурайм деп коркуп жатасыңбы? - Асылкүл ызалуу карады.

- Асылкүл, сен мени түшүн, мен ал жакта абдан кыйналдым, оорудум, ошондо мага бир аял дайыма жардам берип жүрдү, менден мурун түрмөдөн чыккан, мага барып турду, эми мен аны таштап кетсем болбойт, мен деле адаммын да, адамдык жардамга адамча жооп бербесем болбойт.

- Өзүң бил, биз кудайдын буйруганын көрөөрбүз, тагдырым ушул болсо арга канча…

Эркин бат эле тамак-аш менен эт көтөрүп келип калды. Өзү билгендей кылып тамак жасап атасынын келгенине абдан кубанып жатты. Асылкүл менен Бекболот да өздөрүнчө ойго батып отурушту. "Бекболоттун кетээрин билсе Эркин жаман болот ко, эмне дээр экен?.." Бекболот: "Эркин эмне дейт, менин кайра кетээримди билсе капа болот го, балким катуу таарынаар, айла канча, Асылкүлдүн ооруп жатканы да кыйын болуптур, чын эле мен кетип калсам жаман болот окшойт, эмне кылсам экен? Кармалаар балам болбогондон кийин, барып ачыгын айтып эле баса берсемби?" деп экөө тең арсар ойдо отурганда Эркин кадимки кыздардай болуп дасторкон жайып булоолонгон кесмени алып келип ортого койуп, шорпону чыныга куйуп ар бирине берди да:

- Оокатка караңыздар, - деп шыпылдай ар биринин алдына жилик жылдырып жатты. - Ата, көрүп турасыз, апам бизди ач калып өлбөсүн, кийим жыртылып жылаңач калбасын деп жүрүп ушул ооруга чалдыкты, эми өзүңүз келип жакшы болду, мен акча топтоп алып сизди алып келейин деп жүргөм, келгениңизге аябай сүйүнүп жатабыз.

- Ооба айланайын, - таенеси коштоп койду. Асылкүл менен Бекболот бир-бирин карап тамак да жүрөгүнө барбай аз, аздап алып отура беришти. Бир убакта Асылкүл уулун карап муңая минтти:

- Уулум, атаң кайра эле кетет экен, срогу бүтө элек тура…

- Ооба, ырас айтат, бүтө элек балам, - Бекболот аялынын кысталыштан чыгарган сөзүнө ыраазы боло шашып сүйлөдү, - келип турам, азыр поселениедемин. Ал жерде болушум керек!

- Эмнеге, сиздин мөөнөтүңүз бүтүп калган чыгаар, мен азыр он тогузга чыктым, сиз кеткенде мен сегизде болчумун, Мирбек төрттө болчу, мына ал он беш жашка чыгып калбадыбы?!

- Жок уулум, барбасам болбойт, анда мында келип турам.

Асылкүл чындыкты айта албай мукактанып, көмөкөйүндөгү ыза муунтуп, жатып калды.

- Кызык, сиз он эле жылга кесилбедиңиз беле, кандайча бүтө элек, сиз жеңилдетилген буйрукка да илинбедиңиз, он жыл так отурдуңуз го? - Эч ким унчукпады. Үнсүз отурушканда Асылкүл аны соороткондой:

- Балам, атаң эми келип, кетип турам деп жатпайбы, кыйнаба, мунун баарына мен күнөөлүүмүн… - деди. Асылкүл андан ары сөз сүйлөй албады. Аны көргөн Эркин апасына боору ооруй ордунан туруп ары-бери баса баштады.

- Демек сизди түшүндүм, сиз аял алып алган экенсиз да, анда балам, аялым бар деп келбей эле койсоңуз болмок же мактанганы келдиңизби?! - Эркин ачуулуу сүйлөп жатты.

- Эркин, болду балам, атаңа жаман айтчу болбо, бала атага кайым айтышса болбойт, мени таштаса да силерди таштабайт, көп эле ачуулана бербе, уулум!

- Кантип, кантип ачууланбайм, бул тарткан азапты сиз деле тарттыңыз, эми оңолуп, биригип бактылуу жашайт экенбиз деп баятан бери кубанып жатпайынбы!

Бекболот үн сөзсүз башын жерге салып отуруп калды. Ичинен өкүнүп "бекер кылган экемин, балдар чоңойуп, акыл эсине кирип калган туура, жаман-жакшыны көрүп, түшүнүп калышкан экен, кой балдардын көңүлүн калтырбайын" деген ойдо:

- Уулум, анча эле капа болбо, мен эртең барып эле кайра келем, силерден кайда кетмек элем, - деп зорго сүйлөдү.

- Эгер келбей турган болсоңуз топурак түйүп берип кетиңиз, кимибиз өлсөк барбайбыз, мен да бир ууч топурак түйүп берем! - Эркин кабагын түйө атасын тике карап туруп айтты. Анын көз карашынан Бекболот жалтанып кетти.

- Кой балам анчалыкка барбагыла, жаштык кылып алып өкүнүп калба! - таенеси сөзгө аралашты.

- Анан ушунуку жакшыбы, канча жылдан бери зарыгып күтүп, тоодой бел кылып жүргөн атабыз биротоло кеткени жатса?! Кете турган болсо келбей эле койсо болмок!

- Оокат да дурус жедирбей ызы-чуу болуп кеттик да балам, мынабу тамакты ичип арбактарга куран окуп бата кылып койолу, - Асылкүл кейий сүйлөдү.

Тамактанышып болгондон кийин Мирбек куран окуганда Бекболот ичинен аялына ыраазы болуп отурду. "Байкуш, эмне кылсын, эми токтолуп балдарды тарбиялаганга жетишкен экен, кой ушул балдарым он жылдай томсоргону жетишет, мындан ары кашында болойун". Андан кийин эч кимиси үн дебеди. "Дагы эмне болуп кетет, айтчусу айтылды, өзү билсин". Асылкүл ушуларды ойлоп жата берди. Бекболот түнү бойу уктабады, ал тиякта калган Эляны ойлонуп жатты. "Байкушка жаман болоор, мага кудайындай ишенип алды эле, эмне болоор экен, жаш эмеспи, дагы бирөөнү таап алаар".

Ал мындай болгон болчу. Бекболот зонага келгенден кийин Эля менен таанышып калды. А дегенде экөө бир-бири менен сүйлөшүп жүрүштү. Эля анда жыйырма бештеги келин эле. Жалган жалаа менен отуруп калып кайра, кайра жогорку сотко чейин жазса да жыйынтык чыкпай эки жылды мойнуна алган экен. Эля мурун бошонуп чыгып кетсе да "чоңдордун" жардамы менен Бекболотко жолугуп жүрдү. Алты ай өткөндөн кийин Бекболот биротоло бошонуп Элянын даяр үйүнө кирип алды. Ошондон бери чогуу жашап калышкан. Ортолору он жети жаш болгону менен Эля аны негедир абдан жакшы көрөт. Кийимдерин таза жууп, тамагын даярдап, ар убак эркелеп: "Мен сенсиз жашай албайм, мени таштабачы, менин бакытым жалгыз сенсиң" дегенден жазбайт. Бекболот да анын жаштык назына, кылыгына, кыял-жоругуна мас болуп көнүп калган. Аны унутуу ал үчүн да оор, ошентсе да балдары үчүн кайрылып келүүнү чечти. "Асылкүлдүн ооруп калганын ал кайын журтунан балдарынын ал абалын билүү үчүн барганда угуп келген эле, бирок минтип аны баласы жипсиз кишендеп койорун сезген эмес. Түнү бойу түйшөлүп үшкүрүнүп уктай албай жатканын Асылкүл билип, туйуп туруп ого бетер жүрөгү ооруду: "Менден көңүлү катуу калган экен, болбосо дароо эле аял алып жашап кете алмак эмес, кетем десе кармабайм. Эркинге өзүм түшүндүрөм" деп ал да уйку бетин көрбөй бирде ыйлап, бирде тобо келтирип тагдырына таарынып жатып уктап кеткенин сезбей калды. Эртең менен баары дасторконго отурганда Эркиндин жумушуна эрте кетип калганын билип ичтеринен тынып калышты. Бекболот кетип баратып Эрмек менен Мирбекти эркелетип колдоруна тыйын карматып жатып:

- Мен эртең эрте келем, тосуп тургула ээ? - деди да жолго чыкты. Ал кеткенден кийин Асылкүлдүн жүрөгү ооруп чыкты, анан кантмек, он беш жыл жашап төрт балалуу болгуча жаман-жакшы айтышпай, турмуштун оорчулугун көтөр албай, жаман ишке чалынып алып акыры ушуга алып келип отурбайбы. Эркин эртең менен эрте туруп атасына жолугууну каалабай кетип калган. "Эр болсо келбей көрсүн, ушул бойдон келбесе анда аталыктан кечип койом" деп катуу таарынып алган. Бирок айткандай эле Бекболот эртеси түшкө жакын келип калды. Үйдө апасы экөө эле болчу. Асылкүл, үн дебеди, не демек. Ал келгенден кийин кийим-кече салынган чоң сумкасын төркү үйгө киргизип койду да Асылкүлдүн жанына отуруп не деп сүйлөөрүн, сөздү эмнеден баштаарын билбей отура берди. Асылкүлдүн апасы экөө өздөрүнчө сүйлөшүп алсын дегендей неберелерин карап келейин деп эшикке чыгып кетти.

- Асыл, кандай деги жылыш барбы?

- Билбейм, кудайдан үмүтүмдү үзө элекмин.

- Ошент, кудайдан үмүт үзбө, чынын айтсам сенин да, менин да күнөөм бар, негизи мен өтө эле маңыроо турбайымбы, сени Доктурбек алып кетип жатканда мен эмнеге өзүм көрүндүм десең, өзүмө-өзүм шор тилеп алдым, унчукпай кала берсем эч нерсе болмок эмес, тиги келинди дарылаганга бир аз тыйын берип койсок сени эчтеке кылмак эмес экен. Кийин, кийин ойлоп алып өз башымды өзүм койгулабадымбы.

Өкүнгөндө кеч, тартаар азапты тарттык, ал да болсо алланын буйругу, биз мындай болбойт эле деген менен аны биздин пешенебизге жазып койгон Бекболот, баары бир ошону көрмөкпүз, алдыда дагы кандай өзгөрүүлөр бар экенин кайдан билебиз, биз бир аргасыз пендебиз…

х х х

Айнураны врачтар дароо эле операция столуна алып барышты. Ал абдан оор абалда болчу. Жарым сааттан аштыбы же бир сааттан аштыбы, Сталбек аңдабай да калды, ал кызынын ушунчалыкка барганына жини келип отуруп канча убакыт өткөнүн билбейт, бир кезде врач өзү чыкты.

- Сиздин аялыңызбы? - ал сылык сыпаа сурады Сталбектен, - операция өтө оор болду. Өзүн аман сактап калдык. Баланы сактай албадык, анткени ичи катуу тийгенде балага доо кетип ичтен жансыз түштү.

- Аа-аа мейли, өзү аман болсо болду, кыз бекен, эркек бекен?

- Эркек экен, бир айда төрөмөк тура, алып кетесизби?

- Кимди? - Сталбектин ойу алды кайда кетип эмнени айтып жатканына түшүнбөй суроо узатты.

- Баланы.

- Ооба, ооба, алып кетпей анан, өзү кандай, жакшы элеби?

- Жакшы, азыр наркоздон тура элек, буйруса жакшы болуп калат, - врач Сталбекке суроолуу тигилди, - канча балаңыз бар?

- Уулум бир, кызым төртөө.

- Аке, мен врач болгондон кийин ачык айтып койушум керек, аялыңыз эми төрөбөйт, башка балдарыңыз бар экен жакшы.

- Эмнеге төрөбөйт?

- Катуу тийгенде жатынга доо кеткен, экинчи эне боло албайт.

- Мм, мейли өзү аман калса болду… - Сталбек ичинен сыздап кетти. "Уулума шерик болмок экен да, мейли эми айла канча, өзү аман калса болду" кыжалат жүзүн көргүсү келбей турду. "Сайкал тирүү болгондо ал антмек эмес, ал акылдуу аял эле…" Кетип жатып ушинтип ойлоп койду. Санитарканын кичинекей акка ороп берген наристенин сөөгүн үйүнө барып күрөк алды да көрүстөнгө койуп кайра келди. "Эмгиче наркоздон тургандыр, барып жанында болойун, байкушту түйшүккө салып койдум, ушундан ары эле тигил үйгө алып кетейин, болбосо Лира муну чындап өлтүрүп койушу мүмкүн. Анан тыңыгандан кийин ата-энесине алып барып келем" деп ойлоп ооруканага жөнөдү. Сталбек келгенде Айнураны палатага которуп койгон экен, оозу кургап, өңү боппоз болуп жатканын көргөндө чоочуп кетти: "бул да өлүп калбагай эле, эмнеге өңү бозоруп калган?" деп жанына барып:

- Айнура, Айнура?! - дегенде ал көзүн ачып, болоор болбос оозун ачып:

- Суу, суу, - деди.

- Азыр, - Сталбек медсестрага барып суу берейинби деп сураганда ал өзү чыныга жылуу чай алып келип кебезди чайга малып:

- Суу бергенге болбойт, эрдин эле кебез менен нымдап туруңуз! - деп койуп кетип калды. Кечке жанында отуруп эриндерин нымдап жатканда Айнура эти ысып жөөлүй баштады. Врачтар келип карап уколдорду үстөккө босток бергенден кийин эс ала түштү. Үч күндөн кийин гана кичине өзүнө келип, көзүн ачып жанында отурган Сталбекти зорго барып анан тааныды.

- Айнура, жаным, жакшысыңбы, өзүңдү кандай сезип жатасың? - Сталбек бетинен өөп, колдорун кармалап отуруп абалын сураганда Айнура алсыз үн катты:

- Жакшымын, бала кана, Улан кайда?

- Аны кыздар карап жатат, кабатыр болбо!

- Ай ким билет, мен ишенбей калдым го? - көздөрүнөн аккан жаш кулагы ылдый агып жаздыкка тамып жатты.

- Айнаш, Айнурам менин, ишенчи мага, ал жакшына эле жүрөт, өзүңө карап, өтө кейибей жүрчү.

- Ма-акул, - ал шыбырай, эриндери титирей сүйлөп жатты, - ошол баланы жакшы карагылачы, мен бул жашоодон үмүт кылбай калдым…

- Антпечи жаным, уулуң экөөбүзгө сенин амандыгың керек, жаман ойлобочу.

- Ойлонбойун, эстебейин… - алсыз шалдырап көзүн жума жатып калды, - Уланды көргүм келип жатат, - деди кайрадан алсыз.

Врач ошол учурда ага:

- Сиз эми тооктун шорпосун бериңиз, көп эмес, бир чыны гана, аз-аздап көбөйтөсүз, сестралар карайт, сиз барыңыз.

- Макул, - Сталбек Айнуранын чекесинен өөп, - мен үйгө барып келейин, Уланды ала келем, - деп чыгып кетти.

Лира аны менен тынчып калбады, Айнуранын артынан ажал болуп ээрчип алды. Сталбек кетээри менен Лира ооруканага келди. Босогодон медсестрадан сурап палатага кирди. Ал киргенде Айнура ойгоо жаткан, Лираны көрүп эле коркуп кетти, бирок анда кыйкырып жардам сурагандай алы жогунан көздөрүн чо-ооң ачып, башын көтөрө жардам сурап жандалбастай түштү. Лира кирип келип эле:

- Өлгөн жоксуңбу, жан таттуу бекен ыя, менин мамам да жаны үчүн кандай гана далбастады дейсиң, ажал ээрчип алса андан кутула албайсың, мен сага ажал алып келдим! - деп колундагы кичинекей шишедеги уксусту оозуна зордоп куйуп жатты. Тыбырчылап, колдору менен Лиранын колун түртүп, бирок алсыз неменин кудурети жетпей кыймылдаган сайын операция болгон жери ачылып тызылдап ооруп, башын эки жакка ала качып, оозун бекем тиштенип алса болбой жатып он мүнөттөй алышып атып куйуп жиберди да, - мына, эми мамамдын жанына барып ханышадай жашай бер! - деп күч менен ичке бир муштап туруп чыгып кетти.

Лира чыгып баратканда медсестра бир карап койуп өз ишин улантты. Түш маалы болгондуктан укол куйуп палаталарга кирип жүргөн сестра Айнурага кирип эле чоочуп кетти. Анткени жан талашып тыбырчылап өзүн коргоп жатканда чачтары саксайып, үстүндөгү одеалы түшүп, жарылган ичинен аккан кан полго уюп калган эле. Жүгүрүп чыгып эле кабинетте отурган врачты ээрчитип келди. Айнура эбак эле о дүйнөгө узап кеткен экен. Сестралар менен врачтар тыпырап эле калышты. Кезекте турган сестра көргөнүн айтты:

- Бир кыз кирген, кимиси болосуң десем сиңдиси болом деп айткан, ал кызды ушундай кылат деп ким ойлоптур?!

- Ал жанында отурганда кабар алып койбойт белең, ал кызды кайдан табабыз эми?

Айнуранын эки жагындагы канды тазалап туруп замбилге салып, сөөктү моргго алып барып койушкандан кийин тооктун этип бышырып банкага шорпосу менен куйуп, Уланды алып Сталбек келгенде врачтын кабинетине киргизип сурай баштады андан:

- Сиздин аялыңыздын өчү бар адамы бар беле?

- Эмнеге андай деп сурап жатасыз? - Сталбек бирдемеден шектенгендей кайра врачка суроо берди.

- Деги силердин, аялың экөөңдүн каршылашкан душманыңар бар беле, билесизби ким экенин?

- Кайдан билем, душманыбыз деле жок эле.. - Ушул учурда Сталбектин көз алдына Лира келе калды: "Ал шерменде биерге дагы келген го, муну эмне кылсам тынчы-ыр экен, мага тынч жашоо бербейт го?!" деп ойлоно калганда врач анын ойун бузду:

- Бүгүн сиңдиси болом деп бир кызбы же келинби бирөө келиптир..

- Анан, ал палатага кирген жокпу? - Сталбектин көзү чакчая түштү, - деги аялым аман-эсенби?

- Кыскасы мындай, ал кыз келип сиңдиси болом дегенинен киргизип койгонбуз, мурдатан эскертип койгондо сизден башканы киргизбейт элек.

- Маалкатпай ачык айтыңызчы деги, ал аманбы?

- Кептин баары ошондо болуп жатпайбы, ал аялыңыздын ичин жарып, оозуна уксус куйуп кетиптир!

- Кантип?! - Сталбек ордунан тура калды.

- Отуруңуз, баары кеч болуп калды, ал кыз он мүнөттүн ичинде жайлап кетиптир, ошон үчүн күмөн санаганыңар болсо бизге айтпайсыңарбы, чоочун адам киргизмек эмеспиз, токтоо болуңуз, өлөөр киши өлдү, биздин эмгегибиз текке кетти, андан көрө ошол кызды табууга жардам бериңиз?!

- Кантип, кантип ушуга барды, менде эмне өчү бар эле, уулум кенедейинде жетим калдыбы? - Сталбек Уланды бооруна кыскан бойдон ыйлап жатты. Иш чатагына айланып, өлүктү "догум жок" деп тил кат алып бермей болду.

Сталбек адегенде моргго барып Айнураны көрөйүн дегенге врачтар болбой койду. Айласы кетип баласын жанына салган бойдон инисине, карындаштарына, дагы башка туугандарына киши жиберип үйүнө келди. Эки жагын жыйнап кыздарына Уланды койуп койду да, туугандарынын келишин күтүп эшикте ары-бери басып жүрүп Айнуранын айткандарын эстеп жатты: ""Мени соо койбойт го, бөлөк эле жашайынчы, мени көрсө эле кыжыры келчү болду". Ошондо неге анын тилин албадым экен, бул кыз өч алды менден, аны экинчи кызым деп эсептебейм" деп ойлонуп турганда туугандары бирден, экиден келип калышты.

- Эмне болду аке, тынччылыкпы деги? - Иниси ыйлап, кейип турган Сталбекти үрпөйө карады.

- Кайдан, тынччылык болсо силерди мен эмнеге чакырам, аялым өлдү, анын сөөгүн алып келиш керек, төркүнү кайда экенин да билбейм, жакында баралы деп жатканбыз.. "Догум жок" деп тил кат берип келдим.

- Жаман иш болгон туура, оорудубу?

- Жок, бойунда бар болчу, - Сталбек азырынча бул сырды айткысы келбеди, - Кечинде эле жакшынакай жүргөн…

- Кой анда, машина айдаганга бирөөнү таап үйдөгү газикти жүргүзөлү, - дешип бат эле чогула калышып бир күн кечке өлүктү эптеп алып чыгууга аракеттенип, күүгүм кире алып чыгып кетишти.

Өлүктү койуу вазийпасы да бүтүп, Сталбек үч кызын чогултуп алып ичтеги сырын төгүп баласын алдына алып отурду:

- Кыздарым, мени кандай түшүнбөйсүңөр, Лира эмнеге мага өчөштү, ушунчалыкка барбаса болот эле го?!

- Ата, бизге да сырын айтпайт, өзүнчө эле бирдеме болуп жүрөт, - Сара атасына боору ооруп жан тарта сүйлөдү.

- Эмнеге мага өчөштү, менин эркек балалуу болгон кубанычым ага жакпадыбы, бул кебетеси менен Уланга да зыян кылышы мүмкүн.

- Койуңузчу папа, Уланга кантип тийсин, үйгө болсо кээде эле келет, - Зина Уланды Сталбектин колунан ала койду, - күчүгүм десе, ушуга тийсе биз аны бир туугандыктан кечип койобуз.

- Ай билбейм, кандай гана кылып чоңойтподум эле, ушул кыз мага каршы чыгып, башыма кайгы салат деп ойлогон эмесмин.

Ошентип Сталбек уулун бооруна кысып кайгынын кучагында кала берди.

Арадан ай өткөндө Лира үйгө келди да Сайкалдын сүрөтүнүн алдында туруп алып:

- Апа, мен сенин өлүп калганыңа ичим өрттөнүп жүрүп киши өлтүрдүм, атама жек көрүндүм, ага эми тирүү көрүнө албайм, мен да сенин жаныңа барам, болгондо да өз жанымды өзүм кыйганы турам, Айнурага берген уксустун жарымы менин жанымды алып сага ээрчитип барат, кош жарык дүйнө, мен бул дүйнөдө жашоого жол таппадым, - ал колундагы уксусту ичип жиберди, кекиртеги өрттөнүп баратты, акыркы жолу апасынын сүрөтүн карап: - Мени кечирип кой апа, кечир ата?! - деп күн мурунтан даярдап койгон катты колуна кармаган бойдон отура калды. "Бүттү, - деди анын жүрөгү шыбырап, - эркиңди башкара албаган соң тирүү жашап не кереги бар, жеңилсиң, өтө тажаалсың, ошол жаман жоругуң башыңа жетти", деп, анан ошол жерде сойлоп жатты, оозунан ак көбүк куйулуп тырпырап кыйналып жатып бир топто буту колун силкип-силкип алып тынчып калды.

Ооба дагы бир гүлгүн өмүр чорт үзүлдү, гүлдөй эле соолуду, куурады, кара жердин бооруна өзүн-өзү жашырды.

Адегенде үйгө биринчи келген Зина кийимин чечип жатып үйгө кийчү кийимин издеп ички үйгө кирип эле Лиранын жатканын көрүп: "Мас го, дагы ичип алыптыр, чындап Уланды да өлтүрүп койбойбу, атам өзү эле алып жүргөнү жакшы го?" деп ойлоп анын төшөк төшөнбөй жатып калганына боору ооруй үстүн жаап койуп эшикке чыгып кетти. Ал кайдан билсин анын эбак оо дүйнөгө өз эрки менен кеткенин. Сара менен Астра келгенде аларга Зина буларды айтты:

Лира эжем дагы мас болуп келип жатып алыптыр, атам эмне дейт эми?

Качан келиптир?

Билбейм, төргө жатып алыптыр, үстүн үшүп калбасын деп жаап койдум, өтө мас окшойт? кусуп койуптур.

- Анда төшөк салып жаткырып койолу, атама анын келгенин айтпайбыз.

- Чын эле, айтпай эле койолу, эс алса аны менен жакшылап сүйлөшпөсөм болбойт, чектен чыгып баратат, - Сара берки экөөнөн чоңураактык кылып үйдү көздөй ээрчише басты. Үстүндөгү жабылган төшөктү алып экөө эки жагынан көтөр койойун дегенде муздак, катып калган дене жаш кыздарды селт эттирди.

- Койо турчу, - Сара Астраны ары түртүп анын жүзүнө караганда ийрилип жатып башын бооруна катып алган Лиранын көзү ачык бойдон оозунан көбүк куйулуп калыптыр, адегенде Сара бакырып жиберди, анан үчөө тең ыйлап, сыртка жүгүрүштү. Сара кайра кайрылып анын колунан көргөн кагазды эстей койуп карышып калган манжаларын зорго ачып катты алып эшикке чыгып окуп кирди.

"Ата, - деп башталыптыр кат, - Мен сиздин алдыңызда чоң күнөө жасадым, анткени апамдын өлүмү менин сизге деген жүрөгүмдү муздатып, мерес кылып койду. Мен өзүм да эмне кылып жатканыма түшүнө албай калдым, Сиздин апамды, бизди таштап чоочун аялга, болгондо да кызыңдай болгон эмени үйгө алып келгениңизде ого бетер жандүйнөм сыздап, жанымды койорго жер таппай кыйналдым, өзүмдү алаксытуу үчүн арак ичип да көрдүм, ичкенде ого бетер кегим күчөп көз алдыман Айнуранын элеси кетпей, бактылуу үйүбүздү бузган аялды жек көрүп туруп алдым, акыры аны өлтүрүп тындым.. Эми мен өз эрким менен апам жаткан караңгы дүйнөгө кетип баратам, анткени мен бул дүйнөдөн жол таппай калдым, колум булганды, өмүр бойу сиздин көз карашыңыздан муң кайгыны көрүп кантип жашайм, андан көрө ошол ичиркенткен, караңгы көрдө тынч жатканым туурадыр?.. Кош ата, атакебайым, менин сизге эркелеп жүргөн бала чагым эле жакшы тура! Кош бир боорлорум, силер мендей кекчил болбой, боорукер болуп жакшы адам болгула. Менин акыркы жолу кетип жатканыма силер кейибегиле, бул дүйнөдөн жол таппай карайлап калып өз эрким менен өлүмгө баратам. Кошкула биртуугандарым, атам, жарык дүйнө! Лира".

Сара катты окуп жатып көзүнүн жашы бетин жууп, баракты суу кылып жиберди. Үчөө үнсүз ыйлап отурганда Сталбек келип калды. Ал Уланды жетелеп алган. Кыздардын үчөө тең орундарынан тура калды, алардын ыйлап жатканын көргөн ал үрпөйө:

- Силерге эмне болду? - деди.

- Лира… - Сара сөз сүйлөөгө кудурети жетпей катты атасына сунду да эчкирип ыйлап жиберди. Саранын колунан катты алып шаша-буша көз жүгүрткөн Сталбектин колу калтырап, өңү чөптөй кубарып кетти, дүйнө аңтарылып түшүп, топонсуу каптап келаткандай кулагы дүңгүрөп көзүнүн жашы куйулуп жатты, катты аягына чыга электе эл катты таштай салды да:

- Кайдан алдыңар? - деди алаңдай.

- Үйдөн, Лира өзү үйдө жатат, - Сара көз жашын аарчый жооп берди.

- Кана?! - баары жүгүрүп үйгө киришти.

Лираны кучактап алган Стал, өкүрүп-бакырып ызы-чуу болуп калды.

- Олда-аа айланайын кызым ай, мен куруйун, мен акмак, мен айбан, силердин минтээриңерди кайдан билдим, ой кудай ай, деги эмне болуп кетти?!! - деп кыйкыра берди, кыздары да кыйкырып чурулдап атканда Улан коркуп бакырып жиберди, коңшу-колоңу алардын ызы-чуусун угуп чогулуп келип, бириси баланы ары алып кетти. Анткени азыр Уланды караганга Сталбектин абалы жок эле, өзүнүн жаңылыштыгын сезип: "Айнурада күнөө жок эле, аны зордоп аял кылбадым беле, эми кызымды, кагылайын кызымдын да өлүмүнө менин кесепетим тийди!" деп эч бир жанга ээ бербей бакырып-өкүрө берди. А турган, бу тургандар ага кайрат айтып, жатышты:

- Ой Сталбек, эркек деген калбаат болуш керек, кайрат кыл, болоор иш болуптур, тууган-уругуңа киши жөнөт, өлүк камын көрөлү, токтот ыйыңды!

- Капырай десең, сабыр кылсаң болбойбу, алдагы кыздар да ыйлап атып үнү бүтүп калыптыр, кайрат кыл эми.

- Эмне кылсын бечара, удаа-удаа эле өлүм басып атса боздобогондо эмне кылат, - дешип ар кимиси ар кандай сүйлөп жатып Сталбекти токтотуп, адегенде бүрүшүп жатып, катып калган өлүктү төргө төшөк салып ушалап анан колу, бутун жазып жаткырып үстүнө шейшеп жаап койушту.

Ошентип Лираны акыркы сапарга узатып жатып да Сталбек боздогонун токтотподу. "Өз жаңылыштыгым башыма тийбей үйбүлөмө тийди, мен эмне, уулдуу болом деп күнөөгө баттымбы, Оо кудай, эми ушуларым аман болсо экен" деп үнү кудайга жетип боздоп жатып ойлонуп жатты. Үч-төрт күн өткөндөн кийин да башын көтөрбөй кайгыга батып, же тамак ичпей, же эшикке чыкпай жатып калганда иниси келип кетип агасынын кайгысын кошо тартып көңүлүн жубатып бир жумадай үйбүлөсү менен чогуу жүрдү. Аз, аздап өзүн-өзү алаксытып уулун ойнотуп, кыздарына үйүрүлүп түшүп эки жакка чыгарбай, кареги менен тең айланып калды. "Ата көптүн атасы" деген сөзгө ушу кезде эч ким ишенбей кетээр беле, анткени Сталбектин кызына ушунчалык күйгөнүн көрүп боору ооруп жатты көргөн элдин:

- Капырай, башкача күйдү бечара, атанын балага күйгөнү чанда болот, эненин күйүтүндөй күйүт тартчу эмес эле, бечара… - дешип шыпшынышат.

- Эмне кылсын анан, энеси да жакында эле өлсө, кийинки аялы да төрөй албай өлдү, - дешип ар кандай жоруп жатышты.

Чындыгында Лиранын Айнурага өгөйлүк кылганын, атайын аны өлтүргөнүн эч ким билбеген бойдон калган эле, эгер билгенде учурулган ушак далайга токтомок эмес. Сталбек мурункудай жайдары жүрбөй абдан ойлуу болуп жумушуна барып, келип эле үйүнөн чыкпай жүрүп ооруп калды. Сара менен Астра иштебей үйдө болуп Сталбекти карап, Уланды чаң жугузбай багып атышты, Зина болсо мектепте окуйт. Сталбек төшөктө көп жатты, ооруган деле жери жок, болгону эле көңүлү эч нерсеге чаппай, тамак жүрөгүнө барбайт. Уландын тили чыгып калды, анын чулдурап сүйлөгөн тилине канбай жанына отургузуп алып сүйлөтө бергенден тажабайт. Анын чынында оорусу жок, болгону кайгысын көтөралбай жүргөн эле. Акыры молдого барып дем салдырып кичине жакшы болуп калды. Жамандык деген кыйын эмеспи, эки өлүктүн азасын, ырым-жырымын жасап, биринин артынан биринин ашын берип жатып бат эле арадан билинбей эки жыл өтүп кетти. Андан кийин Уландын сүннөт тойун берди. Ошондо тууган уругу аны ортого алып:

- Стал, жакшы эле аза күттүң, күйүт тарттың, эми жетишет, кыздар чоңойду, булар эми эле кудай буйруса күйөөгө кетсе уулуң экөөң үңкүйүп жалгыз каласыңар, үйлөн эми, - деди улуураак туугандарынын бири.

- Ооба, акем туура айтат, бир үйдө аял болбосо болбойт, үйлөнбөсөң кыйналып каласың.

Мен эми үйлөнбөйм, - Сталбек үңкүйүп башын жерге салып отуруп айтты, - кыздарга бак берсин, турмушка узатып, уулумду үйлөнтөм. Жетишет, эки аял алдым.

- Ошо кантип болсун, жашың элүүгө жетпей жатып үйлөнбөй так өтмөк белең, биз жакшы келин алып беребиз, кыздар каршы болбойт, өлгөндүн ызаат сыйын жасадың, эми сага өзүбүз тандап алып беребиз, - дешип күүлдөп тарашты. Алар кеткенден кийин Сара менен Астра да Сталбектин жанына отуруп алышып чын көңүлүнөн атасына ишенерин, тоодой жөлөк экенин айтып:

- Ата, биз сиздин жакшынакай болуп үйдө кирип чыгып, аман-эсен жүрүшүңүзгө тилектешпиз, бизди өгөйлөйт деп ойлобо, - деп Сара мойнунан кучактап ыйлады.

- Ооба, сиз болбосоңуз биз кайсы күндү көрөбүз, Улан деле жаш, сиз кыйналып каласыз, - Астра бир жагынан чыгып көндүрүштү. Арадан дагы алты ай өткөндө туугандары чакыртпай чогулушту да Сталбекке өмүрү көрбөгөн Сайна деген отуздардагы жалгыз бой келинди алып беришти. Сайна үч күйөөгө тийип төрөбөгөнүнөн ажырашкан келин экен. Сталбек кыздарынын, туугандарынын айтканынан чыга албай ага үйлөндү. Сайна мүчө-бойу келишкен, көзү-кашы кара, сулуу келин экен. Бирок чалпоо кыялы ага жакпай жүрдү. Ал келгенден тартып болчу өнөрүн көрсөтө баштады. Сара менен Астра Сайна үйгө киргенден тартып жумушка орношуп кетти. Улан үйдө калат, аны кагып силкип, жарытылуу тамак бербей уруп койчу болду.

- Өлүгүңдү көрөйүн жетим, энесин мен өлтүргөнсүп, ашка тойбойт, жат азыр өлтүрүп койо электе! - деп алкынып жатканда Зина окуудан келип калып сооротуп үйгө алып кирип кетсе жөн калбай, - куу жетимдер, күйөрман болуп кеткенин, - деп жини чыкканча алкылдай берди.

- Оозуңузга карап сүйлөңүз, биз жетим эмеспиз, атабыз бар! - Зина тилин тартпай каяша кылды эле ого бетер кыйкырып жатты:

- Ийи, жетим эмей эмнесиңер, энеңерди жутуп алып шүмшүйүп жетим болуп отурбайсыңарбы?

- Кудай ажал берсе сиз да өлөсүз!

- Менин балекетимди алгыла, мен өлбөйм этпейм! - Сайна ары басып, бери басып бирдемелерди жыйнамыш этип эле сүйлөнө берди. Зина Уланды үйгө алып кирип кетти да, экөө кучакташып ыйлап жатты. Сайнанын тили суук, ажаан экенин коңшулары дароо эле байкады. Кеч киргенде Сталбек жумуштан келип андан кийин Сара менен Астра да босогону аттады. Сайна Сталбек келгенде эч нерсе билбеген момун болуп, анын алдына тамагын койуп жадырап жайнап калат. Анча-мынча чалпоолугун байкаган Сталбек: "Атаңдын гөрү-үү, өңүнө жараша акылы болгондо эмне! Айнурам бир ачылбай жүрүп өтүп кетти. Сайкалчы, жакшы аял эле.., жоктон көрө жашай берейин, балдарга тынч болсо болду" деп ичинен өзөк өрттөгөн буусун үшкүрүк аркылуу чыгарып алат.

Бүгүн күн бүркөлүп, аба ным тартып күн жаачыдай түнөрүп калыптыр. Сайна суу ысытып кир жуумак болуп жатып Зинага карады:

- Эй кыз, от жак, атаңдын кирлерин жууйм.

- Мен азыр сабак даярдап жатам апа, сабактан кечигип калам.

- Окуунун балакетин алгыр ий, дегеле чилистен боло тургансыйсың да, тур бир күн даярданбай, окууңа барбай деле койсоң болот, - Сайна ага атырылып кирди, - окууну эмне кылат имиш, ата-энелүү ырыстуу балдар окуйт, сендей жетимдерге окуганды ким койду ыя?

- Мен жетим эмесмин, атама айтам сизди, жетим деп урушканыңды.

- Эмине-е? - Сайна жүгүрүп барып Зинаны чачынан сүйрөп үйгө киргизди да аябай тепкилеп уруп койду, - атасына айткычылын мунун, дагы бир жолу атама айтам деп тил кайрысаң сени өлтүрүп салам! - Зинаны уруп жатканда Улан коркконунан ыйлап сыртка чыгып кеткен. Бугу чыкканча тепкилеп койуп, Уланды издеп короодон чыкса ал ыйлап турганын көрүп дегдеңдете колунан сүйрөп кирип аны да уруп салды, - кана, атаңарга айтасыңарбы ыя, шүмшүктөр?

- Айтпайм апа, айтпайм, - Зина Сайна жакындаганда эле коркуп кыйкырып ийди.

- Айтсаң мындан жаман сабайм, силерге алым жетпесе элеби? - деп долуланып каргап-шилеп жатты, - Тур, жашыңды аарчып туруп от жак! - Сайнанын ачуу тили жүрөгүн оорутуп, токмогу этин сыздатса да Зина эптеп туруп очокко от жакты, от күйгүзө албай жатып буркурап ыйлай берди. Он алтыга чыккыча ата-энеден ызгаар көрбөгөн кызга өтө катуу тийди, атасына ачык айтайын дейт, анын капа болуп жүргөнүн эстеп аяп койду. Ал күнү окууга барбай атасы жумуштан келээрде жатып алды. Уланды боло Сайна зекип койду.

- Атаңа айтчу болсоң эртең кайра эле колумда каласың го, ошондо мындан катуу сабайм, уктуңбу?

- Ооба, угуп атам, - Улан ал сүйлөгөн сайын жалтанып койуп мурдун шыр тарта башын ийкеп жатты. Сталбек келип эле Зинанын жатып алганын көрүп:

- Эмне болду сага? - деп сурап жанына отура кетти.

- Башым ооруп жатат, - Зина ыйлап койгонго башы чындап ооруп жаткан, - окууга бара албай калдым.

- Мейли кызым, ме дары алып ич, жакшы болсоң барасың, - деп колуна жүз сом карматып койуп төргө өтүп дасторконго отура кетти.

- Балдарың жумуш кылбай жаман чоңойуптур, иш кыл десең эле башым деп жатып алат, - Сайна наалый сүйлөдү.

- Ой ооруп жатса айтат да!

- Калп эле ооруй берет экен, бүгүн жөндөн жөн эле сабактан калып калды, сен келээрде чүмкөнүп алып коркутуп жатат.

- Сайна, булар андай өскөн эмес. Мына бул кыз сабактан жөндөн-жөн калбайт, өзү отличник классында.

- Ийи, мейли балдарыңа чаң жугузбайсың тим эле, мен болсо келгенден бери күң катары жаным тынбайт.

- Деги эмне кылып жатасың ыя, кыздарга атаандашсаң кылбай деле кой, милдет кылбачы! - Сталбек ачууланганда Сайна кайра жойпуланып кирди:

- Койдум, койдум атасы, кыз баланы жумуш жасап үйрөнсө деп эле ойлогом.

- Убагында үйрөнүп алат.

- Өзүңөр билгиле! - Сайна кашын серпе ордунан туруп сыртка чыгып баратып, - алдагы балаң дагы тентек, күндө которсом күндө кирдетип турат, биерге келгени аял эмес эле күңдүккө келген экем, - деп чыгып кетти.

- Күң болдум десең төрт тарабың кыбыла! - Сталбек анын артынан айтты эле укса да укмаксан болуп жуулган кирлерди көтөрүп келип, кайра ордуна келип чай куйуп отуруп калды. Андан кийин сөз уланбады, төшөк салып жатууга камынганда Сара келди.

- Астра эмнеге кечикти? - Сталбек ал кирээр менен сурады.

- Жумушунда тойго барышмак экен, мага чалып жана эле айткан, кабатыр болбогула деп.

- Эмне деген той экен?

- Бирге иштеген аял небересинин тушоосун кестирет экен.

- Аа-аа, мейли анда, алардан калбай барса барып келсин.

- Кыз балага тойдун эмне кереги бар, - Сайна чүйрүңдөп жактырбай калды.

- Өздөрү билет, киришпей эле кой. Сен мени теске, ал эми кыздар менен ишиң болбосун!

- Ийи, сенин балдарың экенин билдим, эне ордуна көрүп акыл айтып койсом болбойбу?

- Акыл айтаар убак башка, - Ошентип Сталбек кагып койгондон кийин ал унчукпай калды. Түн бир оокумда Астра ойгонуп кетсе ыйлаган дабыш чыгып жатыптыр. Ал туруп келип Зинаны караса ыйлап жатат.

- Эмне болду сага, бир жериң ооруп жатабы? - Астра анын чекесин басып көрдү, - бирөө жаман айттыбы? - чыйпылыктап Зинанын жанына отуруп калды. "Мен буга айтсам, сөзсүз ызы-чуу чыгат, унчукпай эле койойун" деп ойлогон Зина эч нерсе айтпады.

- Башым ооруп жатат.

- Анда дары берейинби?

- Ооба, - Зина унчукпай берген дарыны ичип жатып алды. Улан болсо андан бетер үн катпай атасынын жанында отуруп чай ичип да уктап калды.

Сайна алардын айтпаганынан пайдаланып: "Шашпагыла, силерди элеби, түбү менин көзүмдү карап, бөйпөңдөп бутумду жууй турган кылбасам" деп табасы кана, өзүнүн кылган ишине маашырлана жылмайып алды.

Эртеси баары жумушка кетти, Зинанын бүткөн бойу бүт ооруп калыптыр, ага болбой Сайна аны кечээгиден калган кирди жуудуруп койду. Кир жууп отуруп апасын, анан Айнураны эстеп ыйлап жатты. Айнура биртике да өйдө карап сүйлөп, же жумуш жасатчу эмес эле. Керээлден кечке кир жууп окуудан дагы калып калды. Зина сабакка барам деп айтуудан коркуп ишин кыла берди. Кечке маал баарын жасап бүтүп суй жыгылган Зинаны Сайна:

- Бети-колуңду жууп, атаңар келгенче иретке келип отур, менин жумушумду кылып жатсаң да. Эртең сабакка барасың, бир-эки күн калгандан өлтүрүп ийбейт, - деп өзү тамак жасоого киришти.

- Быйыл экзамен тапшырам апа, сабактан калганда болбойт, анткени он биринчи класстын бүтүрүүчүсүмүн, экзаменден калып калсам уят болбойбу.

- Экзамен тапшырып сен президент болмок белең, окубай деле койсоң болот да.

- Кантип, окуйм эле, бүткөндөн кийин окууга тапшырайын деп жатам.

- Болду, сенин жомогуңду угуп башымды ооруткудай алым жок, жаагыңды жаап отур! - Сайна кыйкырганда коркконунан Зина үндөбөй отуруп калды. "Эгер дагы окуудан калтырса атама айтам да кетиртем, Улан экөөбүздү аябай кордоду, койчу деп койсо бийлик жүргүзгүсү бар" Зина ушул ойду ойлонуп кичине жеңилденип алды. Сталбек Сайнаны анча жактыра бербейт, негедир көңүлү жок, ошондуктан да Сайна ага ого бетер жини келип: "Тимеле Айчүрөктөй аялдары өлгөнсүп, мага керек болсо учурунда депутат менен министрлер аягымды өөп жалынып жүргөн аялмын, азыр да кетип калсам кор болбойм, үй күчүк болуп, түйшүк тартып кара башым үчүн буга күң болгудай алым жок, дагы да күтүп көрөйүн, имерилээр" деп өзүнчө буулугуп алып күндө ал келээрде жуунуп, таранып, атыр себинип, бетине упа койуп алып тосуп чыгат. Келгенде өзүнө көңүл бура карап да койбогонун көрүп кээде күзгүнүн алдына келет да өзүнчө кобуранып улам жүзүн сылап, чачын тарап: "Эмне, менин сулуулугум буга бир тыйынга арзыбайбы, ушул сулуулугум менен буга жалдырап, күңү катары кызмат кылып жүрө беремби? Жок, жо-ок, мен буга чыдабайм, азыр мен жапжашмын, сулуумун, кайда болсо бир башымды батырып алууга жарайм! - деп ары-бери койкоңдоп тура берет, - Ушул мүчөм, кебетем менен айланайын деп ак сүйүүсүн арначуларды табам четинен" - деп ойлоп эшикке чыгып Сталбекти күтүп дарбазадан чыгып бир аз турду, бирок ал кечикти. Үстүнө өзү жактырган жаңы көйнөгүн кийип алган. Күүгүм кире Сталбек келип машинасын короого киргизип анан үйгө кирди. Сайна алдынан буркураган атырдан себинип алып чыкты эле байкамаксан боло төргө өттү.

- Ай Сталбек, менин келгениме үч-төрт ай болду, дегеле жакшылап көңүл бураар түрүң жок да, мен деле элдей болуп эркекке эркелеп жаштык назымды тартуулагым келет… - деп ал таарыныч кыла сүйлөдү.

- Эми эмне кылайын, жашап жатпайсыңбы, койнумдасың, же жаныңа жатпай койдумбу?

- Жанымда жаткан жансыз сөлөкөттөй болуп.. Мага бир жолу суктанып, сулуулугума кызыгып койбой жата бергендин эмнеси жакшы, андай болсо мен сенин ордуңа чоң кукланы кийгизип койуп кучактап жата бербейинби?!

- Ошентпейсиңби, ким кой деди, - Сталбек сиркеси суу көтөрбөй ороңдоп жиберди, - андай болсо суктана турган эркектерге бара берчи, башымды оорутпай! - ушул учурда Зина менен Улан эшиктен кирип келе жаткан, алар босогодон тыңшап туруп калышты.

- Апе-ей, бул эмне дегениң, өңүмдүн кызылы кетип, этимдин ысыгы кетип калган аял болсом бир жөн, койнуңда жаткандан кийин эркелетип койбосоң эмнеге аял алдың ыя?

- Жөн эле, үйгө караан болсун деп эле алгам, түшүндүңбү эми?

- Түш-шүндүм, андай болсо кызматчы аял катары төрт айдан берки эмгегимди төлө, азыр кетем! - Сайна ички үйгө кирип кетти да сумкасы менен кийим салынган пакетин көтөрүп чыкты, - Азыр мага алты миң сом бересиң, мен кетем. Айына бир жарым миңден төлөсөң да алты миң сом болот, бол эрте?!

- Сен эмне жинди болгон аялсыңбы, сага эрминби же көчөдө жүргөн ойношуңмунбу?

- Ойнош болсоң кана, ойнош деген кандай гана кадырыңды билет, а сен бир жолу сулуулугумду сыйлап эркелетип койбой тоңгон муз болуп жатканың жаткан!

- Ой Сайна, көп аңыраңдай бербей эмнең бар алып келчи, балдар кайда жүрөт?

- Жүргөндүр сыртта, мен алардын кадамын санап кайтарат белем? - Сайна чүйрүңдөп пакетин кайра үйгө койуп чыгып, "Шашпа сени, өппөгөн жеримди өбө турган кылбасам элеби?" деп босого тарапка басканда Зина менен Улан кирип келишти. Алар Сайнанын чыгып келе жатканын көрүп урушуп ийеби деп коркуп кетишти.

- Уулум, караңгыда кайда жүрөсүңөр ыя, үйдө эле телевизор көрүп отура бербейт белеңер?!

- Телевизорду апам көргөзбөйт да, - Улан байкабай айтып алды эле, Сталбек ызырына Сайнаны карады:

- Эмнеге? Көрө бергиле, буларга телевизорду көргөзбөй эмне кыласың ыя?

- Мен көргөзбөй атыптырмынбы, унчукпай койсо мойнума минип аласыңар да, кызың болсо эки күндөн бери сабакка барбай тентип жүрөт.

- Тентип кайда жүрөт? - Зинаны карай бурулду, - Сен окууга барбай жатасыңбы?

- Апам кир жуу деп бошотпой койду-у..

- Эй качан эле кир жууп кыйратып ийдиң ыя, атаң кетээри менен эле жоголуп кетип кечинде келип жатпайсыңбы.

- Калп! - Зина ыйлап жиберди, - окууга барбайсың деп мени кечээ күнү аябай уруп койгон, дагы урат экен деп коркуп бүгүн айта албай дагы калып калдым.

- Ал эмнең Сайна, мен сени балдарды ураарыңды билсем түк жолотпой коймокмун, чоңойуп калган кызды эмнеге урасың ыя?

- Кызың менен кара жерге кир, калп айтып чагыштырып эптеп мени кетире албай жаткан го, урган жокмун, карандай калп!

- Көк ала болгуча тепкилеп, Уланды да сабап туруп, "атаңарга айтсаңар өлтүрөм" дебедиңиз беле?!

- Кудай уу-ур, ушундай да шүмшүк, калпычы балдар болот экен ээ, кудая тобо-оо, урмак турсун колум да тие элек, - Сайна такыр мойнуна алаар эмес.

Сталбек ага кыжыры кайнап, ачуусу келсе да кол көтөрбөдү. Уланды карап андан сураганда ал атасын бир карап, Сайнаны бир карап жалдырап туруп калды.

- Бул сен тили узун, уулуу жылаансың го, мынабу баланын жүрөгүн түшүрүп койгон окшойсуң, экинчи дагы ушундайыңды угайын, бул жерде калам деп ойлобо, сенин сулуулугуңдун мага кымындай да кереги жок, жашасаң тынч жаша, болбосо ушундайда өз жолуңду тап!

- Мен кеткенде соо кетпейм, чуулган кылып, жалганды айткан кызыңа бирди көрсөтүп кетем, мен сага кет дегенде кетип калгыдай ит эмесмин! - Сайна булкунуп чыгып кетти. Сталбек эмне кылаарын билбей: "Бул да татаал неме окшойт, Лира менен Айнурадай калып өчөштүрүп бир балээнин ичинен чыга электе муну жоготойун" деп ойлоду да, инисин чакырды телефондон. Сайнаны жакшынакай кылып эле узатып койууну ойлоду. Иниси аялы экөө келип баарын угуп-билгенден кийин Сайнанын бир тууган агасын чакыртып келди да ортого алышты.

- Кана эмне болду, бул карындашымдын бир аз кыял-жоругу бар эле… Айткыла ачыгын? - агасы суроо салды.

- Мен жумушта болом, бойго жеткен кыздар, кичинекей уулум бар, мен эч нерсе дебейм, кызымдан эле сурап уккула! - Сталбек күнөөлүүдөй сүйлөдү.

- Кана кызым, апаңар силерди уруштубу?

- Мени мектепке жибербей уруп, атаңарга айтсаңар өлтүрөм деп, Уланды да урду, мени болсо тепкиледи… - Зина дагы ыйлап туруп айтты, - чачымды жулуп, сабады…" - Зина көйнөгүн көтөрүп көгөргөн жерлерин көрсөттү.

- Ушу чынбы, Сайна?

- Калп, карандай калп, жөн эле шылтоолоп кетире албай жатышат, - Сайна тултуйуп мойнуна алууну эп көрбөй өзүн тазалап кирди, - Кызы өзү ээнбаш, атасы кетээри менен кайдадыр кетип кечинде келип окуудан калып жатат.

- Эмнеге ушундайсыз, качан мен кетип калдым, сабак даярдайм, жардам берем, инимди ойнотом, анан сабакка барам. Сизди ушинтип айтат деп ойлогон эмесмин.

- Улан, сен айтчы, апаң сени урдубу?

- Ооба, өлтүрөм деди, коркуп ыйлагам.

- Уят деген жок тура сенде, баягы ит ооруңду карматкан экенсиң. Балдарда эмне күнөө, кой эми, силер бизди кечирип койгула, кетели, - агасы салабаттуу, элүүлөрдөн өткөн киши, Сайнаны карады, - Тур кийинип чык, алчуңду ал, кетели, эми сенин биерде жакшы нерсең калбаптыр.

- Мен кетпейм, өзүң кете бер, дал ушул үйдөн өлүгүм чыгат, тирүү кетпейм деп келгем! - Сайна көгөрүп туруп алды.

- Кетпегенде бул жерде эмнең бар, жакшы адам болсоң мынабу балдар сени этектеп кетирбей апалап турмак, өзүң ойлочу, кантип каласың? - агасынын жаны ачып кетти.

- Кетпейм дедим кетпейм! - деп кыйкырып жин ургандай бакырып жибиргенде Сталбек үйүнө кирди да колуна миңсомдуктан бешөөнү кармап чыкты.

- Сайна, мен сени менен мындан ары бирге жашайм деп ойлогом, андай болбой калды, мен мындай чыксам үйдөн кабатыр болуп жүргөнчө сен өз жолуңду тап, мен өз ишимди кылайын, бул сенин беш айдан берки эмгегиң, мүмкүн башка жерге иштесең башкача болот беле, жок дегенде жолуңа кереги тиет! - Сталбек Сайнага акчаны сунганда ал аны көздөй бакырды.

- Мен бул үйдөн өлүп чыкпасам тирүү чыкпайм, сен мени оңой кетирем деп ойлобо!

- Кетпегенде, же балдарды имере албасаң же бул үйгө батып кете албасаң кантип уялбай кетпейм деп жатасың? - агасы аны булкуп ийди.

- Сайна, мен дагы бир күнөөңдү айтайын, сен балдарды имермек турсун телевизор көрсөтпөсөң, огороддогу помидор, бадыраңдарды жайы менен балдар тура электе үзүп алып бирибизге бербедиң, тамак-аш баары турат, ошону ушулардан аяп отурасың, мен кантип сени менен жашайм?!

- Болбогон кепти айтып башымды оорутпа, мен мындан ары балдарыңа унчукпайм, эмне кылса өздөрү билсин, ушул үйдө өмүр бойу калам!

Отургандар бир-бирин карап туруп калышты, агасы уялдыбы ордунан туруп аны карап:

- Карындашым, ата-энебиз өткөндөн кийин мен силерди өзүм багып чоңойттум эле, окуттум, чокуттум, менде арманың жоктур, эми менин тилимди албасаң экинчи мени издеп үйгө барба, агам деп санаба, мен кеттим! - деп короодон чыгып машинасына отурду да жүрүп кетти.

Эч ким эч нерсе дей албады, жаш болбосо уруп-согуп, көтөрүп барып машинага салып койгудай, ар кимиси бир-бирин карап азыраак отурушту да анан үй үйлөрүнө тарашты. Сайна алар кеткенден кийин көпкө чейин көгөрүп отурду да жумуш жасай баштады, бирок ал ушул учурда ичине кек сактап Зинага бир жамандык кылуунун жолун издей баштады. Анын бул үйдө бар экенин ойлоп койбой Зина өз ишин жасап, кадимкидей үй түйшүгүн көтөрүп, инисин да карап, сабагына да жетишип жүрө берди.

Сайна кыла турган жумуш таппай калат, баарын өзү жасаган Зина ага көңүл да бурбады. Ошого ого бетер жинденип кыжыры кайнаган Сайна тез арада андан өч алып качып кетүүнү ойлой баштады. Бир күнү ал кислота таап келди, аны бекем бекитип койуп шыпылдап анын колунан жумушту ала койуп ичи койнуна кирүүгө аракеттенет:

- Зинаш, сабагыңды окуй бер садага, мен эле жасайм буларды, Уланды карап кой, көчө жакта жүрөт окшойт.

- Макул, - деген Зина көчө жакка чыгып караса Улан көрүнбөйт, аны издеп жүрүп балдар менен паркка кетип калган Уланды зорго таап ээрчитип келген Зинаны Сталбекке шыбап жаткан.

- Мына өз көзүң менен көрүп ал, бүгүн эрте келгенге жетишпей калып кармалып отурат, качан эле кеткен, үйгө жолобойт!

- Апа, ал эмне дегениңиз, мени Уланды кара деп өзүңүз жибербедиңизби?! - Зина тай кала атасын карады.

- Качан, же дагы сабап урдумбу? Качан болсо ушинтип басып кетесиң, аныңды атаң билбей мени жаман көрөт.

- Сайна, сен биздин ишке кийлигишпе, ансыз деле сен биздин үйдүн эсебинен чыкканың качан, бар өз ишиңди кыл! - дегенде Сайна ары бултуңдап эрдин түйрүп, өзүнчө күбүрөнө басып кетти. Сталбек Зинага карады.

- Кызым, сен ушу чын эле көп басат окшойсуң, болбосо Уланды издеп эки-үч саат жоголосуңбу, мен алда качан силерден көөнүм тынбай келип алып күтүп жатам.

- Ата, мени апам Уланды кара, көчөгө чыгып кеткен, бир жакка кетип калбасын, дегенинен чыксам жок, издебеген жерим калбай араңдан зорго таптым, ойноп кетип калыптыр, парктан таап келдим.

- Анда макул кызым, менден жаман сөз угуп калбагыла, эгер жаманатты кыла турган болсоңор мага таарынбагыла?!

- Жок ата, андай эмес, мен үйдөн чыкпайм, баарын өзүм эле жасап жаткам, апам атайы жиберип алып ушуну кылып отурат, барбасам Улан балдар менен жүрүп кеч келмек экен.

- Улан, уулум анчалык алыска эмне кеттиң, сен азыр, кичинекейсиң, жоголуп кетсең эмне болот? - Сталбек уулуна эңкейип чачынан сылай эркелете сүйлөдү, - экинчи алыска кетпей жүр уктуңбу?

- Ооба ата, эч жакка кетпейм.

- Ошент балам, эжеңдин жанынан чыкпа. - Сталбектин кызы менен баласын урушпай эркелетип жатканына жини келип Сайна карап туруп үйгө кирип кетти.

Аял, эне үйдүн куту деп айтылат эмеспи, Сайнада аялдык сулуулук болгон менен энелик мээрим, үйгө кут алып келгендей сезим жок эле, бала көрсө жини келип туруп алат. Кээде өзү да ойлойт, бирок жаралгандан мерес, албуут болуп төрөлгөнбү, жибий албады. "Мен төрөбөгөнүм үчүн ушундай окшойм, болбосо буларга эмнеге жиним келе берет" деп өзүнчө кыжаалат болуп жакшы эле аларга энесиндей мамиле кылайын деген менен көнө албады. Сталбек болсо бир аз чыгып эле кайра келчү болду. Көңүлү тынбай алагды болуп, бизнеси да анча болбой кыйналды. Бир күнү инисинин үйүнө барып ич күптүсүн чыгара ойундагысын айтып отурду.

- Менин коркконум, Зинага бир жамандык кылып койобу дейм, кет десем кетпейт же аялдай болуп бир мамиле кылбады, өз үйүмдөн өзүм качып калдым.

- Эмне кылсам дейсиз эми, биз да акыл айткандан коркуп отурабыз, өңү-түсү жакшынакай болсо эле дурус аял экен дебедикпи.

- Муну алдап болсо да кетириш керек, мен Зина менен Уланды мурун Айнура экөөбүз жашап жүргөн үйгө жеткирип койойун да үйгө өзүм барып турайын, антпесем бул бирдин ичинен чыгат. Лира менен Айнура болсо ошондон эле катар-катар өлбөдүбү, Лираны анчалыкка барат деп ойлогон эмесмин, Айнура мага канча жолу жалдырады, тигил үйгө эле кетип калайын деп, эгер мен Лиранын ошентээрин билсем алда качан эле аны бөлүп коймокмун, - Сталбек улутунуп алды.

- Чунак кыз анча эле эмнеге өчөшүп туруп калды экен ага, же ал өзү өткөрүп койгондур.

- Айнура деген көл болчу да, ушу Сайнадай кантип болсун, бир да жолу Лиранын асылып, урушуп жүргөнүн айткан эмес, өзүм көрүп калдым, ага ысык чайды бетине чачып жибергенин.

- Анда ал апасынын өлүмүнө аны себепкер деп өчөшүп калган окшойт.

- Ошентти го, кой мен эми үйгө барайын, жумушум да болбой алагды болуп калдым. - Сталбек ордунан тура жөнөдү. Жүрөгү бир нерсени сезгендей "болк" этип алды да машинасына отурду.

Зина эрте туруп жуунуп алып мектепке барганы жаткан, күн суук боло баштагандыктан курткасын кийип сыртка чыкты, ал чыкканда Сайна аны чакырып калды, эч нерсе ойунда жок эле Зина ага жакындаганда колундагы кислотаны анын бет оройуна чачып жибергенде Зина ачуу чаңырып бетин баса отуруп калды, чучуктай чаңырып жаткан кызга карап койбой мурунтан даярдап койгон кийим-кечеси салынган пакетти алды да шашып чыгып кетти. Улан уктап жаткан. Зинанын үнүнөн улам жакын коңшулары: "Дагы эмне болуп кетти, буларды деги кырсык тооруп туруп алды" дешип жүгүрүп келгенде кыз жерде эсинен танып жатып калган эле. Бети ылжырап күйүп калган кызга тез жардам чакырууга бирөөсү кетип, бири кызды көтөрүп үйгө киргизди да тегеректеп эмне кылаарды билбей ар кимиси ар кайсыны сүйлөп жатышты. Ошол кезде Сталбек кирип келип эле Зинанын бет оройун көрүп бакырып жиберди..

х х х

Бекболот кайрылып келип балдарынын кубанычы чексиз болду. Эрмек кээ кээде башым деп жатып калат, Асылкүл анын башы ооруганын дарыдан көрүп: "Жаш балага көбүрөөк берип койсом керек, ошондон эле ооруп жатат, кудай сактай көр, эч жери оорубай чоңойсо экен" деп ичинен тынып калат. Бекболот да иштей баштады. Асылкүл ага каткан акчасынан он миң берди да уулу Эркин экөөнү жашылчага чыгарып койду. Өзү болсо Бекболот келип күнөөсүн кечип, ал турсун: "Өзүмдө, болбосо сени алып кетип жатканда эмнеге чыгам, унчукпай эле кала бербейт белем, шор тартып турган да" дегенден кийин кыйла жеңилдеп, балдарына баш көз болуп, чачылган үйбүлө кайрадан чогулганда кубанычы койнуна батпай төшөктө жатканы унутулуп, сопсоо адамдай көңүлү сергек, Бекболот менен Эркин келгиче Мирбек менен Эрмек улам эшикке ойноп кайра ага чай берип, горшогун алып келип тосуп, анан төгүп келип зериктирбейт. Бекболот да бир күнү жакшы иштегенине кубанып келди, ошондо ал Асылкүлдүн көңүлүн көтөрүп тамак-аш көтөрүп келип, семиз койдун этин салып койуп жанында отурду.

- Ээ Асылкүл, биз баягыда кыйналбай эле шаарга баса берсек болмок экен, иштесе болот тура, өзүбүздү да жаман атты кылып, Адина да өлбөйт беле?..

- Ал кезде сен шаар дегенди уккуң да келчү эмес, менин тилимди алмак белең? - Асылкүл чын ойун айтты, - сен анда бул ойду ойломок эмессиң, айылдан чыкпаган жаның көнбөйт болчусуң, эми аркы-беркини көрүп башың бышканда айтып жатасың го?

- Ырас айтасың, шаарды укканда жиним келчү эле… - Бекболот ойлуу отуруп калды.

- Тынчтыктын дайынын билип койсок болот эле… - Асылкүл жүрөк өйүткөн суроосун ага айтканда Бекболот да чындап кейий кетти.

- Үй алып, дурус эле жашап калган экенсиң, бир кабар алып койсоң болмок экен.

- Мен эле жыргап жүрдү дейсиңби, үй алгандан кийин балдарды алып келдим, анан… - ал үшкүрүп алды, - анан Адина чектен чыгып баратканын көрүп-билип туруп сени менен кеңешейин деп сага бардым, сен…

- Ошондой мезгилде бардың да, мен деле сени түшүнүп турдум, бирок…

- Анын үстүнө мени билип калса кармап алып соттоп жибереби деп коркуп да жүрбөдүмбү.

- Эч нерсе кылмак эмес, келин бат эле айыгыптыр, кичине эле жери чийилиптир, ичи таза экен.

- Аны кайдан билдим, катуу болсо, кокус доо кылып туруп алабы деп коркподумбу?

- Мейли кемпир, баары өттү, кетти, мындан аркысын кудай оңдосун, мына мен да нан тапканды үйрөндүм, балдар болсо өздөрүн өздөрү багып калды, кыйынчылыктан чыктык буйруса.

- Ушуга кудайга шүгүр дегенден башка айла калбады, кызымды ойлосом жүрөгүм сыздайт, айла канча?! - шуу эте катуу дагы үшкүрүп алды Асылкүл, - эми ошонун баласын карегимдей карап багып, адам кылып катарга кошуп койсом арманым жок эле…

- Эч коркпо, кудай буйруса экөөлөп тарбиялайбыз, - Бекболот ага бел боло кубаттап койду.

Замандын оорчулугунда, турмуштун каатчылыгын көргөн, азып тозуп, чачырап кайра бириккен үйбүлө ушул саамда эч нерсе болбогондой мамыры жумуру болуп, эртеңки күндүн жакшылыгынан үмүт кылып, көздөгөн ой-максаттарын ишке ашырууну гана көздөп отурушту. Оору кордук деген эмеспи, Асылкүл оорунун азабын төрт жылдай тартып шыпты гана тиктеп жаткандан тажай баштаган, эми минтип үзүлгөнү уланып, өчкөн оту тамгандай, оорусу жок адамдай, алдыдан үмүт шооласы жанып жашоого кайрадан кадам таштоого бет алды. Эркин абдан эстүү болуп чоңойду. Эрмек болсо кээ кээде өзүнөн-өзү башым деп жатып калганы болбосо зээндүү, Бекболотту аталап жанынан чыкпайт. Быйыл мектепке окутам десе күбөлүгү жок, кантип алышты билбей кыйналышты. Акыры Бекболот айылга эле барып бүтүрүп келүүгө жөнөмөй болду. Бир жумадан кийин кубанычы койнуна батпай Эрмектин төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгүн көтөрүп келип калды. Асылкүлдүн айтканын тактап жазып бергени бойунча жазылыптыр. Айылдык мектепке ошол эле жылы бир жылы кийин болсо да окуп калды. Баланын зээндүүлүгү, тапшырманы илгиртпей аткарып, бат эле шар окуп кеткени класс жетекчисин кубантты. Класстын алдыңкы окуучусу болуп, экинчи чейректе класском болуп Асылкүл менен Бекболотту сүйүнтүп койду. Асылкүл болсо кыргызчылыкка көрүнүп, экстрасенске көрүнүп дарыланып жүрүп, акырындык менен буту кыймылга келе баштады. Бир өмүрдө бүт өмүрүн күлүп жүрүп, бактылуу жашоо менен өткөн адам жок эмеспи, Асылкүл да бүт өмүрүн каатчылык, азап-тозок менен өтөт окшойм деп арман кылып жүргөн. "Айдын он беши жарык, он беши караңгы" деген бабалардын айткандары туура экенине ишенди. Анткени ал туура сеанс алгандан алты айдан кийин акырындап таяк менен басып калды. Ал ошол кезде намазды окуп калган, беш маал намазын үзбөй, кылдырап басып жүргөн кезде түш көрдү, түшүндө узун болуп жаткан жеринде уктап жатса аяк жагында аппак кийимчен бирөө отуруп, буттарын сылап жаткан экен, сүйлөйүн дейт сүйлөй албайт, бир кезде ал ордунан турмак болгондо кимдир бирөө аны сүйөп тургузганда Асылкүл жыгылып кетпейин деген ойдо таягын издесе аны жанагы ак кийимчен алып ары койду да: "Тур, өзүң эле бас, болду дарымдап койдум, көп жашайсың эми, намазды үзбөй окуй бер!" деди да көздөн кайым болду. Жыгылып кетпесем экен деп жүрөксүп жатып ойгонуп кетти, алка шалка тердеп, жүрөгү түрсө-түрс болуп кагып жатыптыр. "Кудая тобо-оо, бул жакшы түш болду, бутум жакшы болуп кетет экен" деп ойлонуп терезени караса таң куланөөк болуп агара баштаптыр, жанында Эрмек эч нерсени сезбей бышылдап уктап жатат, анын ары жагында Эркин, андан ары Бекболот, бир жагында Мирбек. Таң атып баратканда ал туруп таягы менен таянып эшикке чыкты. "Бүгүнкү күндү аман-эсен көргөнүмө тобо-оо, жараткан жазаңдан сакта, күнөөмдү кечире көр" деп тилек кылып даарат алып таңкы намазын окуганы төркү бөлмөгө кирди.

Бекболот тосулбаган короону өзү тосо баштады, жол тарабын сокмо дубал менен тосуп ичине алма, өрүктүн көчөттөрүн, дубал жакка терек тигип, зым тор сатып алып тоок бага баштады. Күнүмдүк оокатты даярдап, Асылкүлдүн баса баштаганына баары кубанып калышты. Ал эми күйөөсүнө баягыдай атырылып бир тиймей адаты жок, жаңы үйлөнгөн жубайлардай бир-бирин ызааттап, кеңешпей иш кылбай калды. Бекболоттун үй тиричилигин өзү бүтүрүп жакшы жашоого далалаттанганы аны кубантты. Антип минткиче арадан дагы эки жыл өтүп, Эркин жүрүп-жүрүп жакшы жумуш таап алды, адегенде бурч-бурчтан акча алмаштырып иштеп, кийин будка сатып алып, күнү-түнү келбей жүрүп бир күнү апасына келип:

- Апа, ата, мына бул акчага үйгө уста таап, чоң үйдү салып быйыл бүтүрөлү, мен эми үйлөнөйүн десем үйдүн жайын ойлоп токтоп калдым, үйдү жакшылап бүтүрүп, баарын даярдайлы. Мен таап турам, сиз өзүңүз бул акчага керектүүнү алып келип туруңуз, - деп көк жашыл акчадан бир боону Бекболотко сунду.

- Уулум, эртең алдын ала бир жакшы кой алып кел, адегенде айыл кошунаны чакырып чай берели, андан кийин куран окутуп туруп иш баштайлы, - Асылкүл калбаат, токтоо сүйлөп кеңешин айтканда Эркин менен Бекболот макул болушту.

- Туура, арбак ыраазы болбой тирүү тойбойт, деген бар, ырас айтасың, өзүңдүн да ишиңдин жүрүшүнө жакшы, - Бекболот чын дилинен колдоду.

Эртеси экөө мал базарга барып куйруктуу кой алып келип, келин кесектерден чакырып боорсок жасашып, дасторкон жайып коңшу-колоңдон бата алды. Ага удаа эле дагы бирди сойуп Адинанын арбагына багыштап куран окутуп, молдолорго катма өткөрдү да, андан кийин үйдү устага баалап беришти. Эркин беш бөлмөлүү үйдү бир жылдын ичинде бүтүрүп, ичин толтуруп койду. Кийинки күздө Эркин үйлөндү. Ал үйлөнгөн кыз Айнуранын сиңдиси эле. Башы оор, салмактуу кыз болчу ал дагы. Абдан жакшы келин болду. Асылкүл баягыдан тыңып, таягын таштап басып калган. Базарга чыкпайт, Эркин баарын даярдап берип койот. Ушул жашоосуна ыраазы болуп, бир кездеги тарткан азабы өтүп кетчү нерсе экенин ойлоп, кылган күнөөсүн көп эстейт. Мына азыр баары бир баягы ала качкан акчасын тирүүсүндө төлөп берип, оор жүктөн кутулгусу келет, бирок кайдан, кантип табаарын билбей санаага батчу болду. Үйлөнгөн менен ата-энеге кайрымдуу болгон келин уул Асылкүлдүн кабак, кашын карап турушат, андайда Эркин:

- Апа, эмнеге ойлонуп атасыз, ооруп каласыз, ойлонбой жүрүңүзчү, - деп келинчеги Маринага карады, - апама жакшы кара Марина, апам оорунун азабын көп тартып калды.

- Марина кагылайын жакшы эле карап жатат уулум, мен кээде өзүм эле ойлонуп кала берет эмесминби, - Асылкүл уулун мээримдүү карап келинине жалынып койот, - садага болойун Маринам сопсонун эле карап, кирпигиме кир жугузбайт. Азыр өзүм деле жакшы болуп калдым өзүм деле кылам.

- Ошо кантип болсун апа, сен бизди кандай гана кылып бакпадың, эми биз сени багышыбыз керек! - Эркин ордунан туруп жумушуна кетти. Марина кечке үй тазалап-жууп, абдан тазалыкты каалаган неме жаны тынбайт, каалга терезелерин күндө сүртөт. Бекболот болсо түрмөдөгү Тынчтыкбектен кабар алууга кетип Бишкектеги түрмөнү бүт кыдырып чыгып анын жакында эле бошонуп чыкканын билди. Үйүнө маанайы пас келген күйөөсүн көргөн Асылкүл жаман кабар айтып ийчүдөй шашыла сурады.

- Кабар барбы?

- Бар, - Бекболот токтоо сөзүн улантты, - жакында бошонуп кетиптир, барса таята таенесине барат да, анан биякка келет.

- Олдо кудай ай, байкушум бизди таппай азап жейт го, түрмөдөн чыкса, колунда акчасы болбосо… - Асылкүлдүн эне жүрөгү зырп эте кейип алды, - кайра да кокустукка кабылбагандай эле…

- Бошонуптур, келет да эми, андан көрө дагы бир балээден сактаса экен кудай.

- Ошону айтсаң, кудай сактай көр, бөөдө кокустуктан сактасын жараткан алла! - экөө тең Тынчтыктын аман-эсен келишин тилеп калышты. Билинбей убакыт өтүп, күн айга, ай жылга алмашылып, арадан жыл өтүп кетти. Марина уул төрөдү, Эркиндин сүйүнүчүндө чек жок, аялына үйүрүлүп түшүп, уулунун ачыла элек көздөрүн бирде Маринага, бирде өзүнө окшотуп кыялданат, бир ай болуп-бололекте коляска алып келип берди. Наристенин атын Каныбек койуп, чоң-ата, чоң энесинин сүймөнчүгү болду. Эртели-кеч али кичинекей болсо да үнү чыкса эле көтөрүп ала койушат, небере ширин көрүнөт окшобойбу. Асылкүл наристенин аруу жытын искеп алып, "ооруп жатканда наристе жытын, болгондо да неберени көрөм деп ойлодум беле, жанымдан түңүлүп, жашоодон үмүт үзүп койбодум беле, ушунуңа шүгүр, жараткан!" деп кубанычтын жашы көзүн тордоп, ичтен тобо кылат. Ал ошол күнү да эшиктин алдында небересин эркелетип отурган, дарбаза такылдап калды.

- Ки-им? - Асылкүл кайдыгер үн салды.

- Бул Бекболоттун үйүбү, ачып койуңузчу?!

- Ким керек эле? - Асылкүл ордунан турбай эле сурап койду.

- Ачсаңыз, бирөөнү издеп жүрөм!

- Азыр, - Асылкүл небересин көтөрүп алып эшикке жетти да ачып жиберип эле аз жерден баланы таштап жибере жаздады. - Тынчтык! Кагылайын уулум, келдиңби?!

- Апа! - Эне бала кучакташып ыйлап турушту.

Бир кезде Асылкүл эсине келе калып:

- Тура тур, эшикти аттабай тур! - деди да үйдү көздөй жүгүрдү, - Мирбек, Эрмек, чыны алып чыккыла, бол эрте!

Телевизор көрүп отурушкан Мирбек менен Эрмек жарыша чуркап чыкты.

- Апа, эмне болду?

- Сурабай чыны алып чык, ме Каныбекти ал бириң! - Шашкалактаган Асылкүл баланы Эрмекке берди да чыныга суу толтуруп алып калдастап босогого жетип Тынчтыктын башына суу тегеретип, - түкүр садагаң кетейин, балакет-салакеттин баары ушуну менен чыгып кетсин! - деп, Тынчтык сууга үч жолу түкүргөндөн кийин ары көздөй чачып жиберди да уулун үйгө жетелей жөнөдү, - артыңды караба уулум, ушуну менен баары кетип ак жолуң ачылсын! - дарбазаны бекитип анын артынан өзү үйгө жөнөдү. Келиштире кирпичтен салынган үйдү көргөн Тынчтык өзүнчө кызыгып койду: "Апам бай күйөөгө тийип төрөп да алган окшойт" деп ойлоп, Эрмек менен Каныбекти карап ой жоруду. Мирбек ага жетип салам айтты эле Эрмек да салам айтты.

- Атсалоому Аллейку!

- Атсалоому Аллейкум! - Эрмек колун сунуп калды.

- Аллеки салам, азаматтар десе, - Тынчтык биринчи Мирбекти кучактай өөп койуп, анан Эрмекке карады. - Бул азамат ким?

- Ал да сенин иниң, үйгө кир уулум, жай тааныша бересиң, - Асылкүл аны ээрчите чоң үйгө кирип баратканда Марина кобур-собурду угуп үйдөн чыгып келаткан, - Марина, садага болойун, бул Тынчтык акең, уулум келиптир, жүгүнүп кой айланайын, атаңдан кийинки эле кайнагаң ушул? - - Асылкүл жетине албай Маринага айтканда ал колундагы шыпыргысын таштай койуп ийиле жүгүндү эле Тынчтык эмне деп айтаарын билбей, далдайды, - Кудай жалгасын дебейсиңби балам, Бул Эркиндин келинчеги!

- Кудай жалгасын, - Тынчтык эптеп апасынын айтканын кайталап чачын сылагылай кызыктай абалда калды.

Үйгө кирип үйдүн жасалгасын көрүп: "Эркин үйлөнгөн экен да, кичинекей бала Эркиндин баласы болсо керек?" деп отурду. Кызыл гүлдүү узун халат кийген Марина ыйбаа кыла дасторкон жайып чай алып келди, муздаткычтагы казы-картадан, чучуктан тарелкага туурап койду. Тасмалда эмне гана жок, Тынчтык эмеле тамактанып алгандыктан анча көңүлү келбей, үйбүлөсү жөнүндө, атасы жөнүндө билгиси келип турган. Асылкүл ансыз да сезип тургандыктан аны карап сөз баштады:

- Атаң келген, баарыбыз чогуубуз, баягы үйдү сатып, муну сатып алганбыз, - деп болгон жаңылыкты төкпөй чачпай айтып отурду. - Эркин үйлөнгөн, акча алмаштырчу жайда иштейт, бул болсо уулу. Кана, Эркинимин салган тамы жактыбы? - Ал күлө сүйлөдү. - Бул болсо Адинанын уулу, ал шордуунун шору катып… - Асылкүл ый менен кайгы экөө бууп турган тамагын кыра сүйлөп жатты, - өмүрү кыска экен…

- Эмне болду? - Тынчтык карындашынын өлүмүн эмнеден болгонун билгиси келип чоочуп, боору ооруй сурады, - ооруду беле?

- Жок, төрөй албай…

- Жаман болгон тура, байкушум десе, - ал Эрмекти алдына отургуза эркелетип токтоо: - Апа, мен деле силердин тилиңерди албай жаштык кылып жүрүп түрмөнү көрүп келдим… - Ойлуу Асылкүлдөн көзүн ала качып сүйлөп жатты. - Эми баары жакшы болот буйруса, токтолдум, жаман жакшыны көрдүм дегендей…

- Ошент балам, мен жаман катын, жаш бала болуп ошол кезде силерди сактап кала албадым, сенин кайда жүргөнүңдү кийин уктум, издеп барууга эч шарт болбоду, өзүм да ооруп калдым.

- Мен ага таарынбайм апа, силерди көргүм келип, көзүмөн учтуңар го чиркин! - Тынчтыктын бойу узун болуп, мурут койгон жүзү кара тору, кашы, көзү кара болуп өзбектерге окшоп сулуу жигит болуптур. Бойу да келишип көргөн келин-кыз менин эле күйөөм болсо деп дегдей турган курагы эле. Жашы жыйырма жетиге келип, болуп-толуп турган кези экен. Асылкүл уулунун ушул турган сөөлөтүнө өзүнчө суктанып: "Мунун да үйлөнөөр убактысы келди, балким өзүнүн каалганы бар чыгаар" деп кубанычы койнуна сыйбай жатты. Кечинде Бекболот менен Эркин келгенден кийин Тынчтыкты коноктоп Эркин бир тууганынын башын куттуктап беш миң сом берди.

- Эмне кааласаңыз алып алыңыз, эми мени менен иштеп бутка тургандай шартты өзүм түзүп берем.

- Ошенткиле садагаларым, бир-бириңерди жөлөп, таяп ынтымактуу болгула, аңгыча Мирбек менен Эрмек чоңойот.

- Азаматсыңар уулдарым, бир аз башыбыздан кыйынчылык өттү. Мындан ары өзүңөрдү өзүңөр таяп, кырсыктан тышкары болууга аракет кылгыла, - ата эмеспи, Бекболот эки уулун сын көз менен карай кубаттап койду.

Чынында эле Тынчтык токтолуптур, эси бар экен, андан ары бузулуп кетпей ойлонуп чыныгы жашоонун даңгыр жолуна, машакаттуу да сүрдүү да, аты кулакка комсоо угулган түрмө деген азаптуу дүйнөнү көрүп анан түшкөн экен. Ал түрмөдөн чыккандан кийин Беловодскиге барып апасы менен инилерин таппай калды. Коңшуларынан сураса: "Билбейбиз, айткан эмес" деп тим болушту. Айласы куруп ал шаарга келип жол бойунда ашканада тамактанып отурса жанына татынакай сулуучумак сары кыз келип отуруп калды. Анткени бош стол жок эле, адегенде ал кыз жигиттен:

- Отурса болобу, ато орун жок экен, бир аз суусаганымдан ысык чай ичип алсамбы дегем.. - деп калды.

- Отура бериңиз, биринчиден селый столду занит эткен эмесмин, экинчиден бош столго ким да болсо отурушу керек.

- Рахмат! - Бул Сара болчу, сиңдиси Зинанын ооруканада жатып калганынан кийин атасы кан басымы көтөрүлүп ооруп калганга, жумушунан чыгып эмне кылаарын билбей бир буту ооруканада болсо, бир буту үйдө.

- Өтө капа болгон түрүңүз бар? - Тынчтык ага атайы тийише сүйлөдү.

- Сиздин ишиңиз эмес го дейм, - Сара ага өтө орой эмес, бирок катуу айтты.

- Аныңыз туура дечи, кечирип койуңуз. Бирок жаныңда сулуу кыз отурса, кабагы бүркөө болсо, көңүлүн көтөрүү, кайгысын бөлүшүү, туура келсе адамгерчилик эмеспи.

- Рахмат, мен өзүмчө эле.

- Анда кечиресиз, сөзүмдү кайра алдым.

Алдындагы тамагын ичип бүтүп эсептешип бүткөндөн кийин бир аз отуруп калды. Сара дагы чайын ичип бүттү да жолго чыгышты.

- Узатып койсом болобу, чоң кыз?

- Өзүңүз билиңиз! - Сара да бой келбети келишкен сымбаттуу жигиттен өзүн алыстата албай турган эле.

- Таанышып алалы, менин атым Тынчтык, - колун сунду.

- Сара. - Сара анын колуна колу тийгенде ток ургандай жүрөгү зырп этип, көздөрүн ала качып жолго карап кадам таштады.

- Кайдан болосуз Сара?

- Шаардыкмын.

- Жакшы экен, окуйсузбу же иштейсизби?

- Окууну да бүткөм, эми жумушту да бүтүрдүм! - Сара ойлуу сүйлөдү.

- Айтчы Сара, эмнеге мынчалык капалуусуң?

- Сизге чынында кереги эмне, бейтааныш кыздын түйшүгүнүн? - Сара жактырбагандай көңүлсүз жооп берди.

- Мен сенин татынакай сулуу жүзүңө алдагы сумсайууну ыраа көрбөй турам, анткени сизге жылмая күлгөн абдан жарашып турат экен.

- Тагдырым сумсайууну, кайгырууну маңдайга жазып койсо арга канча?! - Сара ушинтип алып кайра бир көргөн эле чоочун жигитке арманын айтканы жатканына ыңгайсыздана калды да:

- Мен ушул жерден маршруткага түшөм, сизге ырахмат, - деп аялдамага туруп калды.

- Бир аз туруп туруңуз, мен сизден ажырагым келбей турат, болбосо үйүңүзгө жеткирип койуугу уруксат кылыңыз, сулуу?! - Тынчтык ийиле колун бооруна алып жүгүнө күлүп койду.

- Ушунчалык эле узатып койгуңуз келип жатса макул, бирок атам өтө катуу кармайт бизди, сиздин узатып барганыңызды көрсө…

- Эмне болмок эле, көрүнбөй качууга аракет кылам.

- Болуптур, - Сара бир аз жылмайып койду эле, Тынчтык кубанып кетти:

- Мына-мына, дал ушинтип күлгөнүңүз жарашып турат экен, дагы бир жолу жылмайып койуңузчу? - Тынчтык аны мээримдүү жылмая карап калды.

- Койуңузчу, көңүлүм чөгүп, эч нерсеге көңүлүм чаппай турат..

Аңгыча маршрутка келип алар ээрчише ачылган эшиктен түшүп калды. Орун жок, бир-бирин жөөлөгөн жүргүнчүлөрдүн арасында экөө бет маңдай туруп баратты. Тынчтыктан бир аз бойу пасыраак болгонго Саранын башы маршрутканын термелгенинде анын төшүнө тийип, жөлөнүп бараткан сыяктуу сезилет. Тынчтык ан сайын ага ыктап кыздын жылуу илебин сезе: "татынакай кыз экен, ушул убакка чейин кыз менен сүйлөшүп же мамиле жасап көрбөпмүн, ата-энеси кандай эмелер болду экен, ата-энемди тапсам…" ары жагы туңгуйук болгон санаанын кучагында баратканда Сара шоферго карады:

- Токтотуп койуңуз!

- Түшүңүз, - шофер токтотуп кызды карабай эле кайрадан жолго көзүн кадады. Ээрчише түшкөн Тынчтык менен Сара катарлаша басып көчө бойлоп баратышты.

- Мына келип да калдык, сизге чоң-чоң ыраазычылык менен рахмат айтам, - Сара жанагыдан көнө түшкөндөй күлө карады.

- Кабыл алдык сулуу, деги эле сулуу кыздардын жалгыз басканы жарашпайт экен, жалгыз өскөн кайыңдай болуп… - Тынчтык Сараны кетиргиси келбей дагы бир азга кармагысы келди.

- Мен кирейин, атам ооруп жатты эле, дары-дармекке барып сизге жолугуп кечигип калдым, жакшы барыңыз! - Сара апаппак, узун, тырмактары бойолгон манжаларын ага суна бажырайды.

- Келип жолугуп турсак болобу, бүгүн түнү жүрөгүмдүн жарымы кала бергенсип уктай албай азап чегип таң атпай өзүңүздү көздөй жөнөбөсөм болду.

- Тамашаңызга баракелде! - Сара чын көңүлү менен каткырып күлдү, экөө ушул саамда мурдатан бири-бирин тааныган адамдардай боло түштү. - Жакшы барыңыз, жүрөгүңүздүн жарымын бүгүн таштасаңыз да жаңылбай турган болуңуз, жаңылуу адамдын өмүрүндөгү чоң жаңылыштык ката экенин билээрсиз дейм?! - Сара көзүн сүзө, ойлуу туруп калды да: - Мен кармалып жатам! - деп күлүмсүрөй арты менен баса алыстап баратты.

- Менин жүрөгүм алдабайт дагы, жаңылбайт!

- Кош эмесе! - Сара бурула калып жүгүрүп жөнөдү, ал негедир жүрөгү өрөпкүп, толкунданып секирип баратып тык токтой калды да эки жагын чоочуркай карап алды: "Атасы ооруп жатса, сиңдиси бир алда болсо, бул эмне жигиттер менен жалжаңдап жүрөт?" деп коңшу-колоң шылдыңдап күлүп жаткандай сезилип кетти. Сумсая калып ылдамдай дарбазадан кирип баратып: "Жакшынакай сулуу да, тамашакөй да жигит экен, ата-энеси кандай болду экен?" деп ойлой ичкери кирип кетти.

Тынчтык андан кийин канча ирээт келди бул үйгө, экөө махабаттын даамын татып, бактылуу сүйүүнү өткөрүп жүрүштү. Тынчтык болсо күндө жумуш таап иштеп, кечинде Сарага ашыга жөнөйт. Ал келгенде ал чыны менен зарыга күтүп жаткан болот.

Арадан бир жыл өткөндө Тынчтык ага үйлөнөөрүн айтып койуп, айылдагы таята-таенесине барып апасынын дарегин билүүнү ойлоп турду. Тапканын топтоп алып бир күнү айылга келди да таята-таенесине жолукту, аны көргөн таятасы:

- Азамат экенсиң го, качан бошондуң? - деди.

- Бир жыл болду, аларды таппай эле жүрөм.

- Кой балам минтип жүрбө, апаң ансыз да оорунун азабын тартып калды, - таенеси кейий сүйлөдү, - эртерээк бар.

- Мага адресин эле берсеңер, өзүм таап алам. - Ошентип ал көздөн учкан ата-энесинин дарегин алып алды да дароо эле жөнөп, таап келип турган учуру.

Тынчтык ата-энесин таап, көңүлү тынып, жашоолору оңолуп калганына ичинен кубанып үч-төрт күн жүрдү. Эркин берген беш миң сомду Асылкүлгө каттырып койду. Бейчеки басканын койуп, кадимкидей токтолуп адам болуп калганына Асылкүл ичинен кубанганын айтпа!

Бирок Тынчтык ичинен эзилип баратты, ушул бир аз күндүн ичинде Сараны аябай сагынды, көргүсү келип турса да чыдап, ата-энесине үйлөнөөрүн кантип айтаарын билбей жатты. Кирсе чыкса ойлонуп, жатса да санаага баткан уулун бир күнү Асылкүл суракка алды:

- Уулум, неге мынча сабырың суз, кудайга шүгүр, мына жашоо оңолуп баратат. Эркин болсо жаздан баштап өздөрүнө үй салганы турат, эки этаж кылам дейт, сени жумушка үйрөтүп бутуңа тургузам деп жатат, келгени кабагың дурус ачылбайт, эмне ой санааң бар садага?

- Апа, эч кандай капачылыгым жок, мен бала болсом да баягы айылдагы турмушубузду жакшы билип калбадымбы, баары көз алдымда, беш жыл түрмөдө отуруп бизге берген кусок нанын, чыны чайын ичкенде ошол кез көзүмө элестеп турчу. Эркин азамат, иштин көзүн таап иштеп жатыптыр… Апа, бир ойум бар, айтып сиз менен кеңешсем болобу?

- Эмнеге болбосун балам, кандай ойуң болсо айт айланайын, сенин ушинтип жанымда карааныңдын турушу кандай бакыт, балам?!

- Апа, анда мындай, мен бир кыз менен сүйлөшүп жүрөм, атасы жеке бизнес жасайт экен, апасы өлүп калыптыр… - Тынчтык апасын чыдамсыздык менен күтүп калды, эмне дээр экен деген таризде..

- Уулум, кыз өзүңө жакса чогуу кеңешели, кой демек белек. Эркин андай эмес, атаң да кубанат, жашың да келип калды, кечинде сөзсүз сүйлөшөбүз.

- Ыраазымын апа, менин ушундай алтын мамашам бар эле дейм да! - Тынчтыктын жүзүнө кубаныч пайда болуп, Асылкүлдү жерден көтөрүп айлантып өөп-өөп койду, - асылым апам!

- Садага кетейиним десе, сенин ушул турушуң, тескери жолдон кайтып, адамдыктын жолуна түшкөнүң мен үчүн кандай гана кубаныч! - Асылкүл толкунданып үнү каргылданып кетти, ал азыр кубанычтан жашып турганы эле…

Бара-бара Эркиндин жумушу абдан жакшы болуп, Бекболотту иштетпей эле үйдө болуусун суранды.

- Ата, жакшы эле бизди багам деп апам экөөңөр азап тарттыңар, эми үйдө эле болгула, мен жаңы жер алдым, Марина экөөбүз бөлүнүп кетебиз, силер Тынчтык акемди үйлөнтүп биякта болгула, мен ага атайын күркө сатып алып, өзүнчө акча алмаштырчу жайды ачып берем, ал бутуна турса бөлүнүп Мирбек менен Эрмекти алып бул үйдө каласыңар.

- Макул уулум, силерге кудай денсоолук, өмүр жаш берсин, биздин көргөн азапты силер көрбөй бала чакаңар менен бакубат жашасаңар экен, - Асылкүл уулуна ыраазы болуп, кубаттап отурду.

- Силер айткандай болот уулум, мына элүүнүн ары жагында апаң экөөбүз үйдө бакыбат жашоого кубанып отурабыз, эми ушул үчөө өз алдынча болуп кетсе арманыбыз жок.

- Кудай дейли, чынын айтсам апам да абдан кыйын аял экен, жашообузга өбөк-жөлөк болуп, үйлүү кылып койбосо кайда жүрөт элек, эми экөөң тең намаз окуп, кетирген катаңар үчүн алладан кечирим сурап, бизге караан эле болсоңор болду.

- Тынчтыктын сүйлөшкөн кызы бар экен, атасы жеке бизнес менен алектенет дейт, апасы беш-алты жыл илгери өлүп калыптыр. - Асылкүл ойун ортого салып уулу менен күйөөсүн карады.

- Кыз менен сөзү бүтүп калса алып келе берсин апа, акемдин жашы жеткен да эбак эле, эгер биз кой десек капа болуп, таарынып жүрбөсүн!

Эркин: "Баягы жолуна түшүп кетпесин, бизге таарынып" деп айтайын деп, бирок ал ойун ичине катып калды. Бирок муну Бекболот да Асылкүл да дароо эле түшүндү. Анткени андан өздөрү да чочулап жүрүшкөн эле.

Тынчтык жокто өздөрүнчө сүйлөшүп кеңешип алышты, даярданып да койушту. Асылкүл Эркин берген беш миң сомду каттырып койгонун айтканда ал капа болду.

- Мен аны бир сыйра кийинип алсын деген элем да, кой анда мен өзүм ээрчитип алып бир сыйра каалаганын алып берейин.

- Мейли кагылайын, ошентип ынтымактуу болгула, баса убагында жаш болдук, жаман болдук, тууган урукка каттай албадык. Тынчтык үйлөнөөрдө баарына айтып койолу, келсе келсин, келбесе жок.

- Туура айтат апаң, бир туугандар убагында каттабаса да силердин кандай чоңойгонуңарды, биздин жашообузду көрсүн, уялсын… - Бекболот ойлуу өзүнүн жатындаш бир туугандары туруп оор жашоосунда же түрмөдө кайрылып койбогонуна таарынгандай улутуна сүйлөдү. - Бир ата, бир энеден болуп туруп абалымды сурап койгонго жарашкан жок эле.

- Анда ата, мен жакында машина алганы турам, ошондо Тынчтык акем экөөбүз барып келели.

- Ошенткиле садагаларым, - Асылкүл өзүнчө көз алдына айыл ападагылардын өздөрүн мактап, суктана сөз кылып жаткандарын элестетип отуруп калды. Эми болгон чындыкты Тынчтыктан сурап алып анан ошого жараша камыналы дегенге токтолуп аны күтүп калышты. Бирок Тынчтык үч күн бойу келбей кечиккенине кабатырланып улам эшикти карашат..

х х

Зинаны ооруканага алып келгенде анын бети тегиз күйүп, эки көзүнүн бири аман калып бири соолуп калган. Сталбек ойлонуп, милицияга арыз жазып Сайнаны таап бергиле деп боздоп жатты. Анын агасынын үйүнө милиция менен барып таппай келишкенден кийин сүрөтү менен издөө жарыялап ар кайсы жерге илип, тымызын изилдөө жүргүзүп жатышты. Зинанын абалы өтө оор болду, ал бетинин күйгөнүнө кыйналганына эмес, айдай жүзүнүн өмүр бойу так болуп элден кемигенине өлгүсү келип жатты: "Ушундан көрө биротоло өлө турган кылбайт беле, эми тирүү жүрүп кайсы күндү көрмөк элем, жок эми өзүмдү-өзүм сөзсүз өлтүрөм, жашоого тойдум, апакебайым сен өлгөндөн кийин баары теңирден тескери болуп кетти, сен өзүң да жашоого нааразы болуп кеткенсиң го, артыңда калган бизге өлөөрдө батаңды берип кетсең болмок экен", деп көзүнүн жашын көлдөтүп жата берет, ыйлабаган күнү жок. Врачтардын кароосу менен аздап айыгып бара жаткан беттери тырыйып бир башкача болуп бараткан. Аны көргөн атасы ого бетер кан басымы көтөрүлүп ооруп калды. Эки эжеси андан бетер жанына келсе эле ыйлашат. Ошентип Сталбектин өмүрүндө орду толгус кайгы, өксүк, арман бийлик кылып жашоодон тажап баратты, болгону ал кийинки күндөрү өзүн гана жектеп туруп алды. Мен өзүм бузулбасам Сайкал да Айнура да Лира да өлмөк эмес, менин гана кесепетим, Сайкалдын арбагы мага нааразы болуп кеткен экен, ошон үчүн кыздарыма да кесепетим тийип жатат, эми Зинанын тагдыры кандай болот, кайран гана кызым, чырактай жүзүнөн айрылып отурат, мен аны таап өлтүрөм да дал агасынын үйүнө жеткирип берем, соттосо соттосун!" деп ойлонду да өзү издемек болду. Ал машинасы менен жүрүп жупуну кийинип алып кечке ар кайсы базарды кыдырып жүрө берет. Күндө, көндүм жумушун токтотуп кызынын жүзүн көрө албай жүрөгү сыйрылып, жан айласын таппай жаткан оорулуудай өзүнө-өзү ээ боло албай, ээн жакка барып өксүгүн арманын, көкүрөккө толуп ээ жаа бербей далбастаткан бугун чыгарып өкүрүп, бакырып алгысы келет, ошентип ал өзүнө батпай баратты. Жарасы так айыгып бир ай дегенде Зина үйгө чыгып келди, бирок ал: "Ушундан көрө мүрзөгө барсам болот эле го, кайсыл ырысыма тирүү жүрмөк элем, теңимен кемидим, курбуларымдан басындым, мага эми өлүмдөн башка эч нерсенин кереги жок!" деп ойлонуп, Сара менен Астраны көңүлүн көтөрүп таттуулап тамак бергенине алаксымак турсун өзүнөн-өзү өч алчуудай түнөрүп калды.

Сталбек башына шапке кийип, көзүнө көз айнек тагынып алып, чөнтөгүндө тапанча. Ал да кыздарынын маңдайына баруудан айбыгып өз үйүнө батпай калды. Астра, Сара аны эч кандай күнөөлөбөйт деле, бирок ал өз күнөөсүн өзү көтөрө албай: "Мен балалуу болом деп кыздарды бала катары көрбөй аял алганым үчүн, Айнураны бейкүнөө өлүмгө дуушар кылганым үчүн кудайдын жазасын алып жатам, эми дагы күнөө кылам, оо кудай мени кечирсең да кечирбесең да өзүң бил, мен бул оор жазмышты көтөрө албай баратам, өлүмдү көтөрсөң турпак суутат экен, ушу чырактай кызымдын жүзүн өмүр бойу көрүп кантип чыдайм, кантип түтөм?!" Жандүйнөсү сыздап ооруп турду, азыр өлүмгө кетсе да даяр эле, бирок көздөгөн душманынан өч албай тына албайт болчу…

х х х

Сайна ал үйдөн эптеп качып чыгып баратканда көчөнүн башынан Сталбектин машинасы көрүнүп калганда коркконунан башка жакка бурулуп кеткен. Баягы Сталбек берген беш миңди алып эле тынч кетип калганда болмок. Азыр колунда сокур тыйыны жок эле, болгону Сталбекке келгенде кийгизген жакшы кийимдерин ала чыккан. Кайда бараарын билбей күүгүм кирип баратса да жолдо кетип жатты. Агасыныкына барууга болбосун ал жакшы билет эле. Ал күнү кайда барып түнөөрүн, баш калкалай турган жайды кантип табаарын билбей баратып аялдамага туруп калды. Канча турду белгисиз, эл аягы суйулуп, маршруткалар сээлдеп калганда жанына бир жеңил машина токтоп айнегин ылдый кылып башын чыгара Сайнаны карап үн салды:

- Ой чоң кыз, кайда барасың? - Сайна эки жагын карап чоочун адамдын өзүнө кайрылып турганына сүйүнүп кетти:

- Кайда барат элеңиз? - жылмая сүйлөгөн Сайна бейтааныш адамга кайра суроо узатты.

- Кеч, жалгыз турганыңдан жардам керекпи деп ойлоп сурап жатам, эгер кете албай турган болсоңуз отуруңуз, жеткирип койом! - Сайна не дээрин билбей калды, бирок мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек, эгер: "Эч жакка барбайм" десе кетип калышы бышык эле. Караңгы түндө аргасы кетип турган Сайна:

- Байке, кайда бараарымды өзүм да билбей турам, анткени шаарга биринчи келишим, - деп калпты айта салды: "Жок дегенде бүгүнкү түндөн чыгып алсам, эртең күндүзү эптеп аракет кылат элем да" деп ойунда ойлоп алды.

- Оо кокуй күн, шаарга тааныштарыңдын дареги жок келип алсаң, түнү бойу сени "бөрүлөр" соо койобу, отур! - деди чоочун адам. Сайна үндөбөй отурду эле ал машинаны айдап жөнөдү. Анын өтө эле семиз денеси, бышылдап дем алганы Сайнаны ирээнжитип баратты.

- Кайдан келдиң эле?

- Аксыдан… - Анын оозуна ушул келди. Өзүнүн Чүй өрөөнүнүн кызы экенин, агасы белдүү кызматкер экенин жашырып койду.

- Аа-а, эмесе менин атым Күлчоро, сойуздун учурунда партиялык кызматтарда иштеп жүргөм, азыр пенсиядамын. Сенин атын ким?

- Атым Гүлсара… - ал калп айтып койду.

- Жакшы, жакшы-ы, өзүң сулуу кыз экенсиң, эчедесиң?

- Отуздан аштым го!

- Болушунча болуп, ооздук салдырбай ээликчү куракта турбайсыңбы. Эмесе өзүң айтчы, ресторанга кирелиби?

- Мм, - Сайна: "Эмне экен, бир келген бакытты кармап калыш керек, мүмкүн Сталбек мага тартуулай албаган ырахатты ушул берээр…" деп ойлоно түштү да: - Өзүңүз билиңиз, - деп койду.

- Ап-баракелде, эмесе мына бул жерде жакшы ресторан бар, ошого кайрылалы ээ?

- Макул.

Күлчоро машинаны стоянкага токтотту да Сайна экөө ээрчише басты. Чынында мүчө бойу келишкен Сайна абдан жарашыктуу кийинип алган эле. Ресторанга кирип заказ бергенден кийин Күлчоро ага карады:

- Ата-энең барбы?

- Жок, бир туугандарым бар, турмуштан тынбай…

- Эчтеке эмес Гүлсара, "Ургаачынын чырагы кырк" деп койот эмеспи, али сүлкүлдөп кыздай эле көрүнөт экенсиң, - күлүп койду. Сайнага анын минткени жага бербей калды: "Ушул кыздай болгон турпатыма, өңү түсүмө Сталбек түкүрүп да койбоду го?" өзүнчө ызаланып алды: "Ошонун жазасын алды, эми көрүнсөм өлтүрөт, соттойт. Зина оңбой калды болуш керек".

- Эмнеге ойлонуп калдың? - Анын түнөрө ойго чөгүп кеткенин көргөн Күлчоро тамак-аш келгенде бузуп жиберди. - Кел оокатка кара. Түн бакырдыкы дейт эмеспи, жай тамактаналы.

- Ийи, - Сайна уурусу кармалгандай эмеле кубара калган жүзү кызарып кетти. Экөө анда-мында сүйлөшкөнү болбосо тамактанып бүткөнчө бир-бирин аста карап койуп отурушту. Алдына келген импорт винодон аз-аздап ичип жаткан Сайна бир аз кызып калды. Күлчоро эми аны ачык эле сөзгө тартты:

- Гүлсара, чынын айтсам жагып турасың, кыйнамай жок, шаардын четинде дача бар, ошол жакка барбайлыбы, эч ким мищайт этпейт.

- Бүгүн сиз эмне десеңиз макулмун! - Сайна кызып калганга баарына кайыл эле, ал эми эртеңкиси бүдөмүк болчу. Ал азыр эртеңкини койуп бүгүнкүсүн гана ойлоп, жата турган жай табылганына, из суугуча бекине турганга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанып кеткен.

Машинасын айдап алып шаардын четиндеги дачага келгенде түнкү үчтөр чамасы эле. Күлчоро алтымыштан ашып калган адам, ушул жашоосуна ыраазы, "Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүнө жорго мин" дегендей, убагында кызматта жүрүп баардык жашоо-тиричилиги түптөлүп, уул кыздарын орду-ордуна жайгаштырып, кемпири экөө небере, чөбөрөлөрдү эркелетип калган убагы. Кемпири карып кала элек болсо да оорукчан болчу, өзүн "картайсам да күүдөн тая элекмин" деп ээликкен чалына: "токол алып алчы деги" деп өзүнө асылганда тажаганынан айтып калаар эле. Азыр ошону ойлонуп жатты: "Эгер Гүлсара макул болсо бир үй алып берип калган өмүрүмдү ушул кайкайган сулуу келин менен өткөрсөм гана, атаганат" деп анын өң түсүнө суктанып карап отурду. Дачага келгенден кийин да жолдо токтоп ала келген тамак-ашын столго койуп кайрадан койкойгон импорт винону ача баштады.

- Гүлсара, берекем менин, шагымды сындырбай келгениңе ыраазымын, бүгүнкү экөөбүздүн таанышканыбыз үчүн алып койолу!

- Алса алып койобу-уз да байке, сиз анча-мынча жаш ж-жигиттерге карагандачы, ая-ябай март экенсиз!

- Рахмат, мен жаш кезимде жолуккан кыз-келиндерге майрам эле да, кудайга шүгүр, жашоодо азап көрбөдүм, ата-энем жакында эле сексенден ашканда өттү, кызмат, чогулуш деп жүрүп үйгө деле карабадым, баарын даярдап койом да талаадамын, кемпириме ыраазымын, бир жолу да сен деп урушпады. Балдарды татынакай тарбиялап: "Атаңарга сөз тийгизбей жакшы болгула" деп турат эле, ан сайын өзүмдү башкага теңебей, ошол кемпиримди далай солкулдаган кыз-келинге алмаштырып жүрдүм. Сулуу кыз, сулуу аял ичкен сайын суусунуңду кандырбаган бал кошкон кымыз, салкын төр, жыттанганда моокумуңду кандырып, кайра-кайра жыттагыңды келтирген жыпар жыттуу гүл го чиркин, өмүр өтүп, картайып баратсам да, өмүр шамы күүгүмдөн нуру өчүп жашоомдун арты туйукталып калса да сулууларды кыя албай баратам! - Күлчоро ордунан туруп Сайнанын артынан келип, кучактап, эки эмчегине колун сойлото рахатка бата көздөрүн жумуп алды да акырегинен өпкүлөй баштады. Анын ушул жашка келсе да ушундай аялдарга жагымдуу жасаган мамилесине өзүн бош койо берип эркине баш ийбеген ийкем менен Сайна да чалкалай көзүн жума эрип баратты…

Эртең менен ойгонсо Күлчоро жанында жок экен, ордунан туруп эшикке чыгып баратып алдынан бажырайган роза гүлүн көтөрүп келатканын көрүп негедир назданып койду:

- Оо сиз кадимки жаш жигиттердей турбайсызбы, - ал томсоро гүлдү алып жыттап койду, - буга чейин ушул келбетим менен эч кимден мындай сый көргөн эмесмин, кызгануу, уруш-талаш, анан төрөбөгөнүм себеп болду.

- Эч нерсе эмес жаным, эгер менин маңдайымда болууну кааласаң карачы, - ал айланасындагы бак-шактуу, шаркырап суу агып жаткан жакты колу менен жаңсап көрсөтүп койду, - ушул кереметтин баары сеники болот, сенин жаштыгыңа, сулуулугуңа, көркөмдүгүңө тартуу кылам!

- Чын элеби? - Сайна кубанып кеткендей сурап алды да, - Мен сиздин бул тартууңузга татый алаар бекемин?.. - деп ойлоду күбүрөнө: "Менин тагдырымды кара, кылмыш кылдым, адам баласына кечирилгис, кечирилгис күнөө кылдым, жаш, эселек кызга эмнеге өчөштүм, анын мага жаман сөзү деле өткөн эмес эле, болгону Сталбектин мага көңүл бурбаганы үчүн ошентип өч алдым". Ал теңселе өзүнүн күнөөсү үчүн өкүнүп кеткенинде Күлчоро ага таң кала жөлөй калды, анткени ал теңселип барып өзүн жоготуп койо жаздаган эле.

- Гүлсара, сага эмне болду, туруп-туруп эле ойлонуп өзүңдү унутуп кала жаздайт экенсиң да? Мындай болбой жүр, ой адамды жинди кылып койушка чейин барат, - деген менен кыраакы чал: "Мында бир сыр бар, өтө орчундуу сыр" деп ойлонуп алды ичинен.

- Сиз үйгө кире бериңиз, мен жуунуп алып анан кирем, - деп ажаткананы көздөй баратып: "Аттиң, байкуш Зинаны өмүр бойу кемтик кылып койдум ээ, ал кантип жатты экен?" деп дагы ойлонуп алды. Бети-колун жууп келип сүлгү менен аарчынып анан столго келсе баары даяр экен, "Укмуш киши тура, жашында мындан да жакшы болсо керек, кыз-келинди сыйлап жүрүп көнгөн экен го?" Күлчорону жылмая бир карап алып ушуларды ойлоду. "Семирип кеткени болбосо, жаш кезинде жакшынакай жигит болгону көрүнүп турат, келбеттүү, мансаптуу, акылдуу адам экен". Сайна отуруп алып ар кайсыны ойлонгуча ал келип маңдайлаша отуруп калды. Экөө көпкө чейин унчукпай чай ичип жатышты.

- Гүлсара, мен сага бир шарт койойун, эгер макул болсоң баары болот… - Күлчоро аны карап, бир топко ойлонуп калды.

- Айта бериңиз, эми эмнеси калды дейсиз, атамдай болсоңуз да бир төшөктө тебишип, бир кумардан эришип калдык, баарына даярмын! - деди шар эле.

- Ой-оой баракелде, ушундай акылман аял затын ким түшүнүп, ким гана сыйлабайт, - ал каткыра күлүп алды, ыраазы боло, - Эгер сен макул десең ушул дачада экөөбүз сейил куруп, көңүлүбүздү ачып, черибизди жазып дегендей, калган өмүрдү сени менен өткөрсөм деп ойлодум эле?!

- Бала-чакаңыз мени айыпташып, бузуп кетти дешпес бекен?

- Алардын жайын мага кой, өзүм түшүндүрөм, өзүңдүн макулдугуңду берсең болду.

- Мен сиздей адам менен бирге болууга даярмын!

- Оо садагасы, мен ыраазымын, мындан аркы күүгүмдөп бараткан өмүрүмдү жарык кылып, денемди жазып, көөнүмдү ачып кокус бул дүйнөдөн өтөөр кез келсе акыркы ирээт суктанып алып анан кете берсем арман кылбас элем!

- Андай дебеңиз, бир-бирибизге өчүп бараткан шамдай, батып бараткандай күндөй акыркы нурларыбызды чачып, сезимибизди арнап, анан өтсөк кана?! - Сайна ойлуу, бир чекитти карап мисирейе отуруп калды, - ушул бактыма тоскоолдук болбос бекен?!

- Гүлсара, мынчалык ойлонбочу, мен сага тоскоолдук кылган адамды жөн гана жыйып койом, мен тирүү турганда сен эч нерседен кабатыр болбочу?!

- Макул, сөз бүттү, сиз айткандай болот! - Экөө дагы көпкө чейин кобурашып отуруп түш болуп калганын сезбей калышты.

х х х

Сталбек издегенин токтотподу, жүрөгүндө кайгы, муң, ыза, көздөрүндө өчпөгөн кек пайда болду, өзүнүн адам экенин унутуп койгондой, азуулуу ач карышкырдай тишин кычыратып, күнү-түнү дилинде өксөп, улуп-улуп алып эс ала түшөт. Зинанын бети абдан күйүп, бир көзү соолуп калганы анын жан дүйнөсүн кейитип жанын тынч алдырбайт. Кокус бирдеме десе эле: "Сиз башка аял алып кетпегенде баары ойдогудай болмок" деп айтып ийе тургансып түнөрүп алды. Анысын кыздары да түшүнүп тургандай үн дешпейт, чынында атасынын төө көтөргүс кайгыны аркалаганын, күнөөсүн сезип жатканын алар деле түшүнүп калган. Зина үйгө кирип чыгып өз алдынча боло баштады, анын эрмеги Улан болду, ал да анын жанынан чыкпайт. Көп жанчылып ойлонуудан тажаган Сталбектин жоро-жолдоштору, ага-тууганы анын көңүлүн жубатып болгон акыл насааттарын айтып отуруп бири минтип калды:

- Стал досум, сен өзүңө карабай эмне болуп баратасың, кел кыз жөнүндө кеңешели, аны Америкага алып барып бетине операция жасатпайлыбы, биз жардам беребиз.

- Ырас эле, ошондой кылбасак болбойт, мен да жардам берем, өзүңдө деле кудайга шүгүр бар, көп эле өзүңдү кыйнай бербей акылды калчап туруп кыздын багын ачалы, досубуздун кайгысын жеңилдетели!

- Сүйлөштүк анда байкелер, биз туугандары да куру туруп калбайбыз, ушул карындашымдын жүзүн жаркыратып койсок, анан… - инисинин жүзү сумсая калды, - ошол катынды тапсам соттотпой эле жазасын берет элем, дал ошондой кылып бетине так салып, көзүн соолутуп, өлтүрбөй эле тирүүнүн өлүгү болуп калса, ошондо өчүмдү алып, көксөнүм сууйт эле…

Сталбек инисин шарт карады, ичи жылып кетти: "Бул деле Зинанын ушул абалына кейип кек кылып жүргөн туура, кызымды сөзсүз операция жасатамын да кегин алам!"

- Досторум, туугандарым, мага сонун ойду айттыңар, карачы ушуну ойлобогонумду, чырагымдын айдай жүзүн тазалатып келүүгө мен даярмын! - Сталбек ордунан чечкиндүү турду, - бир жуманын ичинде врачтардан кеңеш сурап, даярдык көрүп кийинки жумада жөнөйм.

- Мына эми эсиңе келдиң, өзүңдү-өзүң ойго алдырып, азапка салып бара-бара жоголуп кете жаздадың, - дешип акыл-насааттарын айтып тарашты.

Сталбек врачтарга барып направление алып бир жуманын ичинде болгон каражатын чогултуп, досторунун, туугандарынын бергенин чогулта келгенде сексен миң доллар болуп калды. Акыры жумушун жүргүзүп бизнесин улантып туруш үчүн Сара менен Астрага дайындады да, Америкага учуп кетти. Зинанын кубанычында чек жок эле, "Ушул бойдон жүргөнчө өлүп эле калганым жакшы" деп жүргөндө атасынын аракети анын үмүтүн жандырып, жашоого кайра жетелегендей ичинен кудайга жалынып баратты. Америкага жетип, кызын операция столуна киргизген Сталбек да кудайга жалынып жатты. "Эмгегим кайтып, кызымдын айдай жүзү жаркырап үйгө кубанычтуу кирип барсак" дегенде эки көзү төрт болуп ары-бери басып тынчы кетип турду. Төрт сааттай убакыт өтүп, кеч кирип калган кезде врач чыкты да, Сталбекти колунан бекем кармап куттуктады. Эртеси бети башы, көзү таңылган кызынын жанына кирип бир аз отуруп кайра чыкты. Анткени үч күнгө чейин ачканга болбойт деп врач билдирген. Соолуп калган көзүн да кайрадан операцияга берүүгө бел байлады. Төртүнчү күнү Зинанын бетиндеги оролгон ак бинтти чечип көргөндө Сталбек кубанганынан биринчи врачты өпкүлөп ыйлап жиберди. Анан Зинага күзгү берип көргөзгөндө анын кубанычтан буркурап ыйлаганычы, атасы экөө кучакташып алып бир топко турушту. Кыздын бир ички өкүнүчү көзү эле, жүзү татынакай болуп калган менен көзү бузуп турганга кабагы бүркөлө түшкөнүн сезе койгон Сталбек бетинен өөп туруп:

- Кызым, эч кам санаба, эми көзүңдү операцияга берем, кыскасы көз салдырам, - дегенде Зина сүйүнүп кетти:

- Чын элеби атаке, каражатыбыз жетеби, биз кыйналып калбайбызбы бөлөк жерде?

- Кам санаба кызым, запастагылар бар, ишенип айтып жатам да, бир аз эс алсаң анан көзүңдү жасаганга киришет, сүйлөшүп койгом, - Сталбектин ишенимдүү айтып жатканынын себеби жуп кетээринде Сайнанын агасы эки миң доллар берип кеткен эле, ошого көңүлү жай болду.

- Ыраазымын ата, кайра төрөлгөндөй эле болдум, - Зина кубанганына чыдабай көзүнүн жашын көлдөтүп түшү же өңү экенине ишене албай турду.

Бир жумадан кийин Зина кайрадан операция столунда жатты. Бул жолу анын көзүнө операция жасалып, болгон акчасын төлөп, кетерине гана калганда, ошол жерден кайрымдуу адамдар чыгып операциянын чыгымын төлөп беришти. Ошентип дагы бир жуманын ичинде көзүн ачып көргөзгөндө Сталбек менен Зина ого бетер кубанганын айтпа! Анан бир аз дарылансын деген врачтын кеңеши менен он беш күндөй ооруканада жатты. Сталбек болсо тама-аш сатып келет да жанында. Кайгы-муң, азап-тозокту жараткан өзү берип, кайра өзү арылтат деп айтышат эмеспи.

Ата баланын кайгысы, муң-зары алланын кулагына жеткенби, заматта түш көргөндөй болуп чыга келди. Туулган жердин абасы, турпагы аларды сагынтып жиберди белем, врачтар жооп берери менен учуп жөнөштү. Сталбек ал жакта жөн жүрбөдү, өзүнүн бизнеси бойунча алар менен алака түзмөккө кайрылып келүүнү ойлоп байланыша турган болуп дос күттү, тааныш күттү. Алар келгенде үйдө Улан эле ойноп жүргөн экен. Зинаны көрүп тааныбай калды.

- Уулум, эжең менен учурашпайсыңбы? - Стал уулун кучактап, алып келгендеринен карматып күлө карады, - Зина эжеңди тааныбай калдыңбы?

- Ыкы, Зина эжем бул эме-ес, - Улан кетенчиктей басканда Зина ага карай колун сунду.

- Улан, кел келе гой, бул мен, Зинамын!

- Зина эже, сиз башкача болуп калыптырсыз.

- Чын элеби, мен такыр башкача болуп калыптырмынбы ыя?

- Ооба. - Алар ошентип Уланды ишендире албай күлүп үйгө кирип баратканда Сара, Астра экөө ээрчишип кирип келип Зинаны кучактап басып калышты. Бир күлүп, бир ыйлап, улам Зинаны алмак-салмак өпкүлөп жатканда араң зорго Улан тааныды да:

- Зина эже-е! - деп кучактап калды. Ошентип келгендин эртеси эле досторун, туугандарын чогултуп той берди, эки күндөн кийин кудайы өткөрүп коңшу-колоңду чакырды эле алар илимдин күчүнө тан беришип, пулуң болсо баарын жасоого болоорун айтып тамшанып, шыпшынып жатышты:

- Ээ айланайын жараткан, карачы пулуң болсо бул илимиң адамды деле кайра жасайт го?

- Шумдук десең, баягы ооруканадан келгенде көрүп койойун деп келип коркуп кеткем, эми карасаң. Тим эле ай чырай кылып жасап койгонун.

- Ошону айтсаң, Сталбекте бар да, башка бирөө болсо кайда-аан? - дешип тамшанып жатып тарашты.

Сталбектин көңүлү тынып ишин жүргүзө баштаганы менен аял аттууну көрөйүн деген көзү жок. Туугандары, достору да ага үйлөнүү жөнүндө айтуудан чоочуп калышкан. Экинчи аял аттуунун изин баспаска касам ичкендей… Дале болсо эл ичинен Сайнаны издеп көзүнө урунса кегин алып тынгысы келет, бирок ал житип кеткенсип жоголду.

Сараны Тынчтык жанын койбой үйлөнөм деп болбой калганда ал ага:

- Тынчтык, сен мени сүйсөң бир аз чыда, - деди.

- Эмнеге Сара, үйдөгүлөргө айтып койсом алып кел деп болбой жатышат.

- Чыда, мен десең чыда, мен сеники гана болом, - Сара ага наздуу эркелеп койду. Саранын деле жашы жыйырма бешке келип калды. Ал өтө акылдуу, эстүү кыз. Атасынан айбыгып жүрүп өз убагында чыга албай калган, анткени дагы бир жигит канча жалдыраса да ал апасы өлгөндөн кийин болбой койгон. "Эми ушул жолу бактымды таба алаар бекемин" деп жүрөксүйт.

Х х х

Болжогон күнү Сара сүйгөнү Тынчтык менен жетелешип кете берди. Эки-үч күн мурун Эркин менен Тынчтык айылга машина минип барып туугандарына жолукканда, алардын ооздору ачылып эле калды: "тобо-оо, баягы ач жылаңач жүргөн балдар ушинтип машина минип кычырап калышкан туура, Асылкүл качып кетип жолун тапкан экен" дешип бир даары көрө албай кыйгачтаса бир даары чын пейли менен учурашып:

- Оо азамат болгон турбайсыңарбы, жакшы-жакшы - деп үйүнө даам ооз тийгенге чакырса, кээси:

- Мына эстүү болуп чоңойупсуңар, Бекболот менен Асылкүл кандай? - дешип ал акыбал сураган болушту.

Бекболоттун бир тууган иниси агасынын балдары керилип-керилип эшигине менчик машинеси менен келгенине ичинен уялып: "Каап, агамдан кабар да алган эмес элем, карачы балдарын, эстүү, акылдуу болгон экен" деп ойлоп экөөнү үйгө киргизип козу сойуп коноктоп, чакырган күнү барып калаарын айтып узатып койду.

Келин келгенде баары келип калышкан. Жоолукту Асылкүл өзү салды, кубанычы койнуна батпай:

- Көшөгөң көгөрсүн айланайын, алдыңды бала, артыңды мал басып, ак жолтой ак жүздүү келин бол! - чекесинен өөп, этегине ырымдап таш бастырып койду. Андан кийин таяке тайы, кайын журту кирип келинге көрүндүгүн бир башка, жоолук көйнөгүн келиндин башына салып өздөрүнчө эле күрү-күү болуп жатышты. Келинди отургузуп, улак чаап ырымын кылгандан кийин Сарадан үйүнүн дарегин алып таңга маал ачуу басарга бир семиз кой, он миң сом акча, бир ящик арак кылып Бекболоттун иниси менен кайниси жөнөдү.

Ачуу басарды алып келишкенде Сталбек жаңы эле турган. Дарбаза такылдаганынан ача койсо адамдар турат, аларды көрүп жаманчылык башынан өткөн ал чоочуп:

- Силер кимсиңер? - деп сурап жиберди.

- Сиз Сталбек эмессизби?

- Ооба, эмне болду? - Сталбек: "Дагы эмне болуп кетти?" деп ичинен кабатыр болуп сурады.

- Сиздин кызыңыз Сара бизге келин болду, кулдук уруп келдик, куда! - Бекболоттун иниси колун бооруна алып эңкейди.

- Эмне, эмне-е, - Сталбек уккан кулагына ишене албай кайталап сурады да, иштин чоо-жайын түшүндүргөндөн кийин, - Силер кыз уурдаган эмесиңерби ыя, азыр жоголгула, дарегиңерди бергиле да жөнөгүлө, мен силерге ишенбейм, жеңеси менен сиңдиси барып жолугуп өз оозунан укмайынча силерди да кабыл албайм! - деди.

- Куда, кыз менен бала бир-бири менен жолугуп, сүйлөшүп жүргөн экен, кызыңар жөнөттү бизди, атам капа болбосун, өз каалоом менен чыктым деп айтып жиберди.

- Жок ишенбейм, дарегиңди айта сал! - деп чөнтөгүнөн блокнот алып чыгып күтүп калды. Алар үндөбөстөн бир-бирин карады да дарек жазылган даяр кагазды кармата койду.

- Баргыла эми, мен сиңдиси менен жеңесин жиберип анан билем! - Сталбек эшигин жаап алды. Тигил экөө, рулда отурган Эркин үндөбөй артына бурулду. Алар кеткенден кийин Сталбек Астра менен Зинаны тургузуп эртең мененки чайга отурушту.

- Астра, сен жеңеңди чакырып кел, Сараны бирөөлөр алып кетиптир, экөөң барып, өзү сүйлөшүп барганын же зордуктап алып качканын билип, өз оозунан угуп келгиле.

- Сара эжемдиби, каякка, кимдер экен? - Астра кубанганынан көздөрү жайнай түштү.

- Ким экенин силер билип келесиңер да.

- Мен билем ата, бир сулуу, жакшынакай жигити бар болчу, ошол болсо анда..

- Сен кайдан көрдүң эле? - Сталбек аны таң кала суроолуу карады.

- Зинаны сиз Америкага алып кеткенде эле алып кетем деген экен, ал болбой койгон…

- Да-аа, ошондой экен да, мейли кандай болсо да барып тактап билип келгиле.

- Макул, жөнөй берейинби? - Астра шашып калды.

- Жөнө, Зина менен Улан үйдө болсун, мен да эрте келип силерден тактап уккандан кийин кууп бара тургандарды чогултайын.

- Кеттим. - Астра кийинип алып жөнөп кетти. Алар тез эле кийинип даярданып алып келип калышты. Сталбек бир досун ээрчитип келип:

- Досум, мен барсам уят, машинаны айдап барып буларды жеткирип сыртта бол! - деп жиберди да өзү үйдө калып тынчы кетип ары-бери басып жүрдү.

Сара жеңеси менен Астра келээрин укканда эле атасына кат жазып даярдап койгон.

Чогулуп тургандар дүрбөп эле машинадан түшкөн Күмүшкан менен Астраны тегеректеп алып үйдү көздөй баштап киришти. Астра: "Жакшы эле турушкан тура, өзүнүн жигити болду бекен, кудай ай, бактылуу болсо экен" деп ойлоп кирип баратты. Күмүшканга деле жакты: "Кыз акыры күйөөгө тиет да, акем кызык, биротоло эле кууп келгенде болмок экен" деп ал да өзүнчө ойлонгуча:

- Кудагый, кудача айланайындар, келин биякта! - деп Асылкүл көшөгө тартылган төркү бөлмөнү карай жаңсап алар киргенде өзү коштоп артынан кирди. Анткени ал Сарага ишенип турган. Сара жеңеси менен Астраны кучактап ыйлады.

- Сара, сен адегенде бизге ачыгын айтчы, сен биерге өз эркиң менен келдиңби же зордоп ала качтыбы? - Күмүшкан Сараны тике карап сурады.

- Жеңе, мен эми бала эмесмин да, өзүм сүйлөшүп анан келдим, атам мени кечирсин, кыз бала өмүр бойу эле атанын төрүндө калбайт тура!

- Эжекебайым, - Астра сүйүнгөнүнөн эжесин кучактап алып кулагына шыбырады, - баягы жигитиңби?

- Ооба, - Саранын көздөрүнөн бакыттын нуру чачырап бактылуу жылмая баш ийкеди.

- Эми биз кетели, куугун кечке келип калат! - Күмүшкан жөнөй берейин дегенде Асылкүл баш болгон аял-эркек эшиктен кирип:

- Кудагый, силер отура бергиле, биз жөнөткөндөр барып келиндин катын жеткирип кууп келчүлөрдү ала келишет, - деп отургузуп койду.

Сталбек чыдамсыздык менен күтүп жатып орчундуу адамдарды телефон аркылуу чакырып койду. Аңгыча Курман менен Бекмурза келип:

- Кулдугубуз бар куда, мына кыздын каты! - деп шаша Саранын катын бере койду.

- Мм, - деп алган Сталбек бир оор жүктөн жеңилдегендей, - Ох! - деп алды да төрт бүктөлгөн катты алып көз жүгүртө баштады: "Ата мени кечирип кой, кыз бала өмүр бойу атанын төрүндө жүрө бербейт тура, жүрсө да уят экен, жашым жыйырма бешке келгиче секелек кыздай көрүп келгениңизге ыраазымын! Эми менин да өз алдымча жашоого акым бардыр, сизди көп ойлонтуп санаага салганым үчүн кечирип, ак батаңызды бериңиз?! Кызың Сара".

Катты окуп бүтүп эле босогодо өзүн: "Эмне дээр экен, дагы киргизбей кубалайбы?" деп күтүп тургандарга өзүн токтото, зордоп жылмая карады да:

- Киргиле эми кудалар, эми болбой калды, кыз бала ушу тура, - деп үйгө киргизип, Зина дасторкон даярдап чай куйгуча Сталбек коңшусуна кирип барды.

- Кел, Сталбек кел, деги жайчылыкпы, эзели кирчү эмес элең, төргө өтүп чай ич, - коңшусу ага таң кала карап ызаат кыла сүйлөдү.

- Жок, кошуна, баштан өтпөсө билбейт экенсиң, туугандарды да чакырткам, кыз күйөөгө тийиптир, ачуу басар жеткирип келген кудаларды кантем деп силерге киргем, бош болсоң барып кичине баш көз болуп койсоң.

- Оой жакшы болгон тура, кыз барган жеринен бак тапсын. - ал чын дилинен кызга бакты-таалай каалап кеңеш берип, аны менен кошо келди. Сталбек баарын даярдап койгон. Эки куданы жакшылап коноктоп, экөөнө эки костюм-шым кийгизип узаткыча туугандары чогулуп келишти. Иниси Илимбек баш болуп сегиз киши кууп келишти. Асылкүл жүгүрүп жүрөт. "Кийиз кимдики болсо билек ошонуку" дегендей бала аныкы эмеспи. Анын кулагында алтын сөйкө, эки колунда экиден алтын шакектерин, мойнундагы алтын чынжырын көргөн абысыны менен мындайыраак туугандары көрө албай: "байкуш буга уурулук жаккан экен" деп ичинен ойлосо, бири: "балдары табышкер, акылдуу чыккан туура" деп умсунуп тим болуп жатышты. Кудалар бабырап конок болуп отурганда, Эркиндин досу, жаңыдан чыгып келаткан ырчы жигит безеленип ырдап, кудалардын көңүлүн ачты. Карапайым, бир кезде бир сындырым нанга, бир кесе жармага зар болуп айласыз, аргасыздан өлбөстүн күнүн көрүүгө далбастаган үйбүлөнүн бүгүн минтип чиновниктей жашап, келин алып жатышы өтө суктанаарлык эмей эмне…

Келген кудаларга кийит кийгизип, алдына жыйырма миң сом койуп абдан жакшы узатышты. Сталбек Саранын жакшы жерге барганын угуп абдан ыраазы болду: "Ушулар бактылуу болсо менин бактым ушул эмеспи", Сталбек ичинен кудайга ыраазы болуп отурду. Барып келгендер кийиттерин көргөзүп, көргөн сыйын айтып мактап жатты. Жыйырма миң сомду Сталбектин алдына койуп:

- Бул сиздики! - Илимбек агасына күлө карады.

- Ой аны эмне кылам? - Сталбек да күлдү.

- Эмне кылат элең, - туугандарынын бири сөзгө кошула кетти, - кыздын мындан аркы машакаты толтура, кандай берсе ошондой кылып алып барышың керек.

- Ошондой да балээси барбы? - Ошентип кыз кууп барып келгендерди кайрадан Сталбек да коноктоп узатты. Кетээринде алар: "Биз да четте калбайбыз, кыздын себине, көшөгөсүнө катышабыз" деп ооз көптүрө кайтышты.

х х х

Сара келгенден баштап Маринаны мурда көрүп жүргөнсүп, бирөөгө окшоштуруп кыйнала берди: "Мурда кайдан көрдүм эле, же бирөөгө окшоштуруп жатамбы, анда кимге?" Марина дал Айнура сыяктуу таза, бир мүнөздүү келин. Сара экөө абысын болгон менен бир-бирине ынак. Эркин үйлөнгөндө кудалар алыстан болгондуктан кечирээк келишип анчалык болгон эмес. Марина аны ойлонуп алып: "Мейличи, мен өзүм каалагандай жашап жатам, баары ойдогудай, Эркин көзүмдүн агы менен айланып турат, дагы эмне керек?" деп өзүн-өзү сооротуп калат. Эркин өзү айткандай Тынчтыкты ар кайсы жумушка чарпылтпай бир комок сатып алып, акча алмашчу жай түзүп берип адегенде элүү миң сом, элүү миң доллар бөлүп берди да:

- Муну иштетип кайра өзүң бутка турганда бересиң, - деди.

- Болду иним, сага ырахмат, ушуну жөндөп кете албасам мени агам деп көтөрмөлөбөй эле кой! - деп иш баштаганга киришти. Арадан айлар өтүп Тынчтык жакшы иштеп инисинин жарым акчасын берейин дегенде ал:

- Аке, менин дагы берген жардамым ушул болсун, куданын алдына барып кутулуп алалы, мен мурун үйлөнсөм да, жолуңуз улуу, ошондуктан жеңемдин төркүнүнө биринчи баралы, мен балалуу да болуп калдым, андан кийин менин кайын журтума баралы, - деди эле Тынчтык инисине аябай ыраазы болду.

Сара экөөлөп акча алмаштырып үч ай иштеп, анан куданын алдына түшкөнү камынып калышты. Кудага Бекболот, иниси Бекмурза, кайниси Курман анан Асылкүл, кыз-күйөө болуп келини Маринаны да кошуп алышты. Сталбек кудасын абдан жакшы тосуп алды. Кыз-күйөөгө бак-таалай каалап, келечеги жөнүндө кам көрүшүп, Сталбек алардын алып келген акчасын албай:

- Эгер куда, кудагый макул десеңер, ортодон үй сатып той өткөрөлү да, үй ичин камдап берели, - дегенде алар бул жүйөөлүү сөзгө макул болушту.

- Туура, туура куда, ушул туура, биз да ошого кошулабыз - деп Бекболот барпаңдады.

Ушул учурда Марина баласы ыйлап башка бөлмөгө кирип столдун үстүндө турган сүрөттү көрүп колундагы баласын таштап жибере жаздады да, көзүнүн жашы төгүлгөн бойдон тиктеп тура берди. Бир кезде бирөөнүн кирип келе жаткан дабышын угуп көздөрүн аарчып, эч нерсе билмексен болуп баласын сооротуп калды. Сырттан кирген Зина эле, ал Маринага карап:

- Балаңызды мен сооротуп турайын, сиз үйгө кириңиз, - деп колун сунду.

- Булар кимдер? - Марина сүрөттөгүлөрдү сурады жөн жай эле, билгиси келип жаткандай түр көрсөтүп.

- Ал менин атам, иним, анан өгөй апам болчу.

- Ал кайда анан? - Марина андан чыдамсыздык менен күтүп калды. "Эмне болду экен, кетип калган го?"

- Өлүп калган, баласы жетиге чыгып калды.

- Ийи?! - Марина үнүн катуу чыгарып ийгенин өзү билбей калды, - Эмнеге-ее??? - ушул учурда Марина өзүн токтото албай боздоп ийгенин көргөн Зина коркуп кетти:

- Эмне болду эже, ал сиздин таанышыңыз беле?

- Ооба, - Марина өзүн-өзү эптеп сооротуп эшикке чыгып кайра кетээрде бата кылганы кирди. Жүрөгү опкоолжуп, өзүн эмне кылаар айласын таппай жаткан бейтаптай, улам тамагын бууган көз жашты кайра жутуп жатып үйгө араң келди. Келсе Эркин жумушка кетиптир жаңы эле, жаздык койуп жатып алды да, Каныбекти Эрмекке берип койду. Ал бир күнү кечке өксүп ыйлап жатты, Асылкүл келининин жатып алганын көрүп: "Түнү бойу уйкудан да калды, баласы менен кыйналган экен, эс алсын" деген ойдо ойготпой тим койду. Маринада кайдагы уйку: "Эмнеге үйдөн кетип атаңдай немеге туш болдуң экен, кандай армандарың калды экен айтылбай, байкушум ай!!!" деп боорун көтөрө албай көзү тоодой болуп шишигенче ыйлай берди. Ал күнү Эркин келсе да турбай жата берди.

- Эмне болду Марина, бир жериң ооруп жатабы?

- Ооба, башым эле ооруп жатат.

- Дары ичсең боло, - Эркин кабатырлана башын басып көрдү, - температураң жок экен, түндө уйкудан калгандыкы го ээ?

- Билбейм.

- Тынчыраак жатып эс ал, мен да чарчадым, азыр апамдарга сүйлөшө турган сөз бар эле, келип эс алам, - Эркин кичи үйүнө кетти. Алар чоң үйдү бүткөндөн тартып "Кичи үй" деп атап алышкан времянканы.

Ыйлап, ыйлап бугу чыгып, арманы бир аз болсо да арыла түштү бейм, эртеси ордунан туруп тиричиликке аралашып кетти, бирок: "Эмне кылсам, атам менен апамды чакыртып Сталбекке жолуктуруп, жок дегенде мүрзөсүнө куран окутуп койбосо болбойт, байкушум ай!" - деп жүрөгү сыздап, көңүлү суз жүрдү. Ал баары бир Эркинге айтпаса болбосун сезип, эки-үч күндөн кийин ага кечинде ыйлап отуруп айтып берди да:

- Атамдарды чакыртпасам болбойт, жок дегенде куран окуп мүрзөсүн көрүп суубасак… - деп өңгөчүн тарта дагы буулугуп алды.

- Эмнеге кетип калганын билдиңерби?

- Кайдан, эч себепсиз гана кетип калган, эмнеге таарынганын ушул убакка чейин билбей башыбыз маң.

- Бир себеби болсо керек да, сенден улуусу беле?

- Менден үчөө улуу болчу, эми экөө улуу, деги эле мен төртүнчүсүмүн.

- Марина жаным, көп эле кейий бербе, чакыртса чакырталы да, алар менен кошуп куданы кошо чакыралы. Алар бир сүрөтүн ала келсе конок үйгө илип койолу, анан Сталбек куда келгенде ал сүрөттү сөзсүз карап ойлонуп калат, балким бул кимиңер болот деп сурайт, андан кийин сөз өзү эле чыгат.

Эркин Маринаны бетинен өөп сооротуп койуп уулун алдына алып ойлуу отуруп калды.

Күндөр өтө берди. Сара менен Марина күндө бир-бирине кеңешип тамак жасачу. Бүгүн да бет маңдай отуруп алып кечки тамактын камын көрө башташты. Ушул бүгүн ал жүрөгүн өйүгөн суроону берди:

- Марина, сени көргөндөн бери мурдатан тааныштай сезилип туруп алдың, бирок ойлосом эч жерден кездешпептирбиз. Бирөөгө окшоштуруп атамбы десем, кимге? - ал таң калагандай андан көзүн албай карап калды. - Биз мурунку жашоодо бирге жүргөн теңтуш болсок керек, кайрадан жаралганбыз го? - ал күлүп койду.

- Билбейм, менде андай тааныштык сезим жок го?

- Кызык, мен неге андай абалда калып жатам?

- Кайдан билем? - Маринанын жүрөгү сыздап турса да билмексен боло сүйлөдү, - Мүмкүн бирге жашаган бирөөгө окшоштуруп жатпаңыз.

- Түшүнө албай калдым, эч качан андай болушу мүмкүн эмес, - Сара ойлуу өз ишин улантты. Марина отурган жеринде мелтирей: "өгөй апаңдын бар экенин эстесең жакшы болмок.. "Кайдан, өзүнүкү болбосо эстемек беле, мен ичимден кан өтүп, кантип өлгөнүн билбей зорго турам, аныгын билсем кана?!" деп ойлонуп жатты. Сара өз ичинен: "Бир мүнөздүү неме туура, ачылып сүйлөбөсө, мындайлар бук болбой кантип жашайт болду экен?" деп аны астыртан карап койуп өз ишин жасап жүрүп табышмактуу сырдын түйүнүн чече албай бушайман боло берди.

Эркин Марина жазган катты тааныштардан берип ийип кайра переговор да жөнөттү. Ал катты алганы, Токтосун менен Аптакан арыдан бери тоодон козу алдырды да сойуп алып жөнөдү. Алар келгенде Марина уулун көтөрүп сыртта жүргөн. Такси токтоп, андан түшүп жаткан ата-энесин көргөн Марина жүгүрүп барып кучакташып көрүшүп калды. Көтөрүнчөктөрүн алып эшиктен кирип келе жатканда Асылкүл көрө койуп утурлай басты да куда, кудагыйы менен учурашып үйгө киришти. Алып келгендерин дасторконго койуп, алыс жолдо чарчап келген кудаларга жаздык койуп жиберишти. Бир аз эс алгандан кийин Аптакан кызына карады:

- Кызым, мынча неге шашылыш чакырттың, кайра-кайра катыңарды алгандан кийин эле переговорго чакырып калышты, Эркин келип кеткиле, деп эле кыска айтканда ар кайсыны ойлондук.

- Азыр менин жашоом ойдогудай эле апа, Айнураны издөө салсакпы дегенбиз, сүрөтүн ала келдиңерби?

- Ооба, баягы тогузунчу класста окуп жүргөндө жалгыз түшкөн сүрөтү бар эмес беле, ошону алып келдик.

- Жакшы кылыпсыңар, эми эс ала бергиле, эртең сүйлөшөбүз. Айнураны издебесек болбойт.

- Ал бизден качып кетти го, жарыяны укса да келбейт, болбосо эмнеге качат, же бир жетишпеген үйбүлөдө жашаса бир жөн, - Аптакан көз кычыктарына келе калган жашты акырын сүртүп алды.

- Келип калаар, кайда бармак эле, акыры үйгө барат да, - Токтосун кебелбей сүйлөдү.

- Билбейм, менин түшүм жаман, көптөн бери коркуп жүрөм, аман-эсен эле жүрсө мейли го?! - Аптакан ичтен, бугун чыгара ыйлап алды. Аны көргөн Марина: "Кокус өлгөнүн укса эмне болоор экен, байкуш апам, атамчы?" деп ойлоп өзүнүн да ыйлагысы келип эшикке чыгып кетти. Токтосун менен Аптакан Айнуранын сүрөтүн алып Эркинге берди. Бул убакта Асылкүл келип алардын алдына тамак койулду. Марина эшиктен ыйлап алып кайра эч нерсе болбогондой кирип өзү чай куйуп берип жатты. Сара болсо тамак-ашты өзү тейлеп эшикте жүрдү. Бекболот жумушун бүтүп үйгө кирип куда, кудагыйына карады.

- Кана, куда-кудагый, тамакка карагыла, бүгүн сойуш сойгонго кеч болуп калды, бүгүн кичине конок болуп тургула, таарынбай.

- Болот, эмнеге таарынмак элек, шартыңарга карагыла, - Аптакан чын дилинен айтып аларга ыраазы болуп отурду, - болоор болбоско таарынгыдай эмне, бөлөк бөтөн белек?

- Алгыла кудагыйлар, алгыла, - Бекболот, чучукту карта менен кошо туурап тарелкаларга салып алардын алдына жылдырды. - Ошентсе да уялат экен киши.

- Кудагый, куда бүгүн эле келбедиби, бир аз күн жүрүшөт да ботом, кыз-күйөөсү эртең кинотеатрга алып барып, эки жакты көрсөтсүн, шаарга келгенден кийин эс алып кетишсин! - Асылкүл шакылдай сүйлөдү. Дасторкондо эмне гана жок. Эркин кайната, кайненесинин келээрин билип баарын даярдап койгон эле. Маринанын түшкөн жери, күйөөсү жакшы экенин, колунда барын аябаган адамдар болуп калганына, кызынын бактысына ичтеринен кубанып олтурушкан Токтосун менен Аптакан жаратканга ыраазы, бүгүнкү күнү бир кызы үчүн чечекейи чеч боло сүйүнүп отурушса, эртеңки күнү бир кызынын күйүтүн тартып боздоп калаарын сезишпеди. Тек бүгүн жок болсо, эртең жарк этип кирип келчүдөй болуп күтүп жүрүшкөн Айнураны түбөлүк жоктоп өтөөрүн билбей көңүлү жай кудасынын сыйына, кыз-күйөөнүн бактысын тилеп атышты.

Эртеси Эркин Айнуранын сүрөтүн компьютерге алып барып чоңойттуруп келди да, кечинде конок үйдүн төрүндөгү килемдин үстүнө илип койушту. Айткандай эле Марина менен Эркин аларды театрга алып барып сүрөткө түшүштү. Асылкүл менен Бекболот да чогуу келген. Көңүлдөрү көтөрүлүп калган Аптакан Маринаны карап минтти:

- Айнурам да ушинтип бир күнү жарк этип күйөөсүн ээрчитип келип калса ээ, анда сонун болот эле, садагам аман-эсен болсо экен.

- Келет да кудагый, жаштардын ойун билбейбиз, таарынат, кайра жазылат, ата-энени кечип кайда бармак эле.

Марина эч нерсе дей албады, ал Эркинге карады эле ал жерди карады.

Ошону менен сөздү башкага буруп, концерт жөнүндө кеп салып үйгө келишти. Үчүнчү күнү эртелеп сойушун сойуп Эркиндин айтуусу бойунча Сталбекти конокко чакырышты. Сталбек уулу Уланды кошо алып келип баары менен учурашкан соң төргө баратып илинип турган сүрөттү бир карап алып токтой калды: "Булардын эмнеси болду экен, же жөн эле окшоштукпу" деп жалдырап сүрөттөн көзүн албай туруп калганда Эркин:

- Куда, төрдөн орун алыңыз, ал сүрөттөгүнү тааныйт белеңиз? - деп сурады.

- Аа-аа, жок-жок, бирөөгө окшоштуруп жатсам керек, - Сталбек ыңгайсыздана отуруп калды, - Эркин, сенин келинчегиңдин сүрөтү го, мен аялыма окшоштуруп алыпмын.

- Жок, ал эжесинин сүрөтү, көргөн жок белеңиз - аты Айнура. - ушул учурда Сталбектин өңү боппоз болуп, туттуккандай боло түштү. Ал эсин жыйнагыча Аптакан:

- Сегиз жыл болду айланайын, издеп таппадык, же таарынган жөнүн билбейбиз, же бир мал-кели жок жарды болсок экен, жакшынакай болуп жүрүп эле бир күнү жок.

- Табылат да, жаны аман болсо барат үйгө, - Токтосун аны тыя сүйлөдү, - келген конок, куда болсо тынчыраак отурсун, жок издегениңди айтпай жөн отур!

- Да-аа, ошондой дегилечи, мен билбейт экемин, сиздер аны кайдан издедиңиздер? - Сталбек токтоо, олуттуу сурады.

- Тааныш, билиштерден, шаарга келип кеткендерден сурап эле жатабыз, дегеле көрдүм деген киши жок, - Аптакан көз жашын дагы сыгып аарчый кетти, - ушул кыз деп жүрүп жүрөгүм оорукчан болдум.

- Эртең сиздер менин үйүмө конокко барыңыздар, куда-кудагый да кошо барсын, менин тааныштарым бар, ошолорго дайындайлы, - Сталбек "Бул жерден айтууга болбойт, кантсе да менин үйүмдөн сөөгү чыкты, ошол жерден айтып мүрзөсүн көрсөтүп койойун, топурак суутпаса жөн суубайт", деп, сый күтүүнү ойлоду. Эркин менен Марина эшикке чыгып алып өздөрүнчө сүйлөшүп жатышты:

- Эркин, билбейм дегени эмнеге, жок дегенде ачыгын айтып мүрзөсүн көрсөтүп, баласын бизге тааныштырыш керек эле да?

- Токто Марина, куда эртең биздикине баргыла деп жөн айткан жок, бул да бирдеме ойлонуп жатат, биерден ызы-чуу кылбайын деп аткан чыгаар?!

- Мүмкүн, эгер айтпай койсо өзүн сотко бериш керек!

- Шашпа берекем шашпа, күтөлү дагы.

- Тааныбайм, билбейм дегенинен жиним келип кетти, - Марина ыйламсырап алды, - Жөн койбойм, чындап тааныбайм десе жооп берет.

- Аның туура, ашыкпа жаным. - Алар эшикте жүргөндө жаңы бышып жаткан койдун шорпосун көтөрүп кирип келген Сара да төрдөгү илинип турган сүрөттү көрүп жүрөгү болк этип алды да, атасын карады, ал акыры башын чайкап: "Сыр билгизбе" дегендей ымдап койду. Анткени анын да чоочуп кеткенин билди. Сара конок камын көрүп жүрүп бүгүн төркү үйгө киргени ушул болду. Марина жасап жаткан жумушту өзү алып:

- Сен эми ата-энеңин маңдайында отуруп тур, алар кеткенден кийин өзүң деле отуралбайсың, - деп сырткы жумушту өзү алган.

- Макул жеңе, жакында сиздин төркүн да келет, ошондо мен жасайм ээ? - деп Марина ата-энесинин жанына келген эле. Саранын дароо кабагы бүркөлө: "Атам эле аман болсунчу, апам болгондо кана, ушул бактымды көрсө болбойт беле" деп улутунуп алып жумушуна киришкен. Айнура жөнүндө ойлогон да эмес, эми кирип келип эле анын сүрөтүнүн илинип турганын көрүп чоочуп кетти: "Кызык, Айнура менен Марина бир тууган окшойт, ошон үчүн окшош тура, таптым". Сара ойго батып шорпо куйуп отуруп кудагыйы Аптакандын да Маринага окшош экенин байкады: "Эми эмне болот, булар анын өлгөнүн билбейт чыгаар, эгер билсе атамды сотко береби, атам өлтүргөн жок да аны, эми кандай болуп кетээр экен?" деп санаага алдыра баштады.

Сталбектин ичкени ирим болуп, ар кайсыны бир ойлоп: "Эмне мен өлтүргөн жокмун, а кокус төрөгөн жерине барып билели десечи, анда айтып берип койушсачы, анда да мен күнөөкөр эмесмин, өлтүргөн кызым да өлгөн" деп дурусураак отура албай, уулунун уйкусу келип калганын шылтоолоп үйүнө кетүүнү суранды:

- Мен барайын кудалар, эртең барып калгыла, мен күтөм, Эркин, Марина экөөң сөзсүз кошо баргыла, баарыңар барып конок болуп келгиле! - деп машинасын айдап жөнөп кетти.

Сара атасынын кеткенин түшүнүп турду: "Эртеңкиге конокко чакырды, ата-энеси менен кыз-күйөөсү барсын, а мен сөзсүз барышым керек, барбасам болбойт" деп ойлонуп, атасынын артынан узата карап көпкө тура берди.

Качан гана Тынчтык келип аркасынан кучактап калганда үйдү көздөй басты. Эркин менен Марина дале эч нерсе деп айтышпады. Эртеңки конокко барууну кеңешип отуруп Эркин:

- Төртөөбүз анан жеңем менен акем болуп барабыз, - деп чечти, Асылкүл менен Бекболотко өзүнчө түшүндүрүп койду эле алар тым эле болуп калышты…

х х х

Сайна тоскоолдук болбосо Күлчоро менен жашап калууга бел байлады. Болбосо кайда, кимдикине батмак? Анын сулуулугуна тизе бүгүп, улгайса да жаш келинге сугун арткан Күлчоро макул болгонуна кубанып дачасына тамак-ашты мол алып келип эртеси кечке сейил бакта, суу жээкте отуруп алышып ичкени импорт вино, жегени гриль, колбаса, чучук, казы-карта болуп Сайна кудайга ыраазы болуп жүрдү. Ээгине сакал чыкпаган көсөө, аппак чачтуу, курсагы салаңдаган адамды адегенде ирээнжигендей эле анча жактырбай, бирок аргасыздык Сайнанын жанына батып, колтугунда, койнунда болууга көндүрдү, антпеске чарасы жок эле… Билинбей эле арадан эки жыл өтүп кетти, Сайнаны бул арада уул-кыздары келип: "Кеткин" деп айтса да кетпеди, Күлчорого ишенди. Акыры аялы балдарын тыйып:

- Койгула балдар, атаңар деле пайгамбар жашына барып калды, капа кылбагыла, мен уруксат бергем, силерди бакты, чоңойтту, жаман болгон жоксуңар, эгер атаңар жаман болсо силерге ушинтип шарт түзүп бермек беле, жаман болсо сүлкүлдөгөн сулуу келин ээрчийт беле? Тим койгула! - деп койгон.

- Апа, сиз кызыксыз го, ошо карыгандагысы уят эмеспи, - дешип келин уулу аргасыз үндөбөй калышты.

- Балам, "күлүк күнүндө, тулпар тушунда" деген макал бар, чалым карыганда тыйылбаса, өзүнө эрк бере албаса мен жаш келиндерче селпектеп барып кадырымды кетиремби?

- Атам ушинтип отурса балдары да жолун жолдоп жүрбөсүн, атамды тыйып эле койсоңуз болмок, - деп келиндери тыйтаңдап жүрүштү.

- Мен го макул болуп койдум, силер койо бербегиле! - деп эне сырдуу күлүп бир келинине шыбырады, - күндө ага этегимди көтөртөөргө алым жок, ал эркек экен да.

Ошентип Күлчоро менен Сайна жаш жубайлардан артык жашап жатышты. Кайда барса жанына салып алат, концертке алып барат. Баарынан дачанын айланасы өзүнчө бир керемет эле, эртең менен сайраган куштардын үнү кубулжуп, ойгонсо көңүлдү эргитип, жашоого кумар канбай, өтүп бараткан өмүр токтоп, көз ирмемде өлбөчүдөй сезер эле ким да болсо өзүн. Бул бакыт экөөнө канчага чейин байыр алаарын бир кудайдын өзү билбесе пенде бечара кайдан билмек эле…

Бир күнү Күлчоро тамак-аш алганы базарга барган, базарга кире бериштеги жерде илинип турган сүрөткө көзү түшүп атайы кайрылып калды. Ал келатып жакындаганда эле тааныш элести көрүп селт этип алды: "Окшош окшойт, анын аты Гүлсара да, атасынын аты туура жазылыптыр, адамдарда боло берет да окшоштук, анан калса абдан окшош экен" деп ойлонуп басып кетти. Дачага келгенде аны унутуп койду. Көңүл ачууга мас болгон Күлчоро жаш келиндин илебине, демине маашыр болуп: "Өлгүчө сулуу аялды кучактап жатайын, өлгөндө ким билет, кудай өзү кечирээр" деп кээде ойлонуп койот да сергек. Алтымыш жетидеги эркектин отуз экидеги келин менен кумар жазуусу да сергек болсо керек. Сайна өткөндү унута баштаган: "Эми эмне кылып алмак эле, эмгиче өлдү же бир азапты көрдү, өмүр бойу кемтик болду" деп ойлоп көңүлү тына баштаган. Күлчоро балдарынан тартынып кээде кемпирине барып ал абалын сурап келет. Бүгүн да үйүнө келсе улуу уулу үйдө экен, кача албай калды. "Балдарга да уят болдум, келбей эле койбой" деп алардын отурган жерине түз эле басып барды.

- Ассалоому Аллейкум! - озуна уулуна салам айтты.

- Аллеким салам, кайдан жүрөсүз? - уулу ордунан тура калып колун берди, - Ата сиздин "тигиниңизди" милиция издеп жүргөн турбайбы?

- Кимди? - Күлчоро түшүнбөй калды окшойт тактап сурады.

- Дачадагы аялды, - атайы "аялыңыз" деп айткысы келбеди.

- Эмнеге?

- Ит билсинби? - кайдыгер жооп берди.

- Аны эмнеге издемек эле?

- Иши кылып анын сиз менен жашап жатканынын себеби, эптеп эле элге көрүнбөөнүн амалы экен, мен бир күнү кармап берем аны.

- Койсоңчу ой бала, бирөөнүн убалына калбай, окшоштуруп жатсаң керек?!

- Окшошпой эле, дал өзү! - уулу ордунан туруп кетти, Күлчоро ойлонуп калды. "Капырай, бекер жерден өрт чыкпайт" дечү эле, түндөсү жолдо жүргөнү ошондон го, бүгүн барып ал эшикте жүргөндө сумкасынан паспорту болсо көрөйүн. Эгер аты Гүлсара эмес болсо жүрө берсин, машке менен издесе да таппайт, аны эч кимге бербейм!" деп ойлонуп атып кемпири Суксур сунган чайды байкабай калды.

- Кел эми чай ич чал, издесе издеп жүргөндүр, тапкан күнү таап алаар, анын эмнесине ойлонуп баш оорутасың.

- Ишенбей турам, эч кимиси да жок экен, төрөбөптүр, кандай кылмыш кылып ийди экен?

- Эмне болсо ошол болсун, бала чакам бөөдө кырсыктан сырткары болсо болду.

- Кой мен кеттим, - Күлчоро кемпири сунган чайды ууртап койбой ордунан туруп жөнөдү, - жакшы тургула!

- Жакшы бар, бир аял үчүн атаңар чындап эле делбе болойун деп калган го карыганда, - Суксур кетип жаткан күйөөсүнүн артынан жылмая карап ойлуу туруп калды: "тобо-оо, жаш кезинен кыз-келиндер менен жүрүп деле тажабаганын кара, карыганда бала-чакага жаман көрүнбөй жөн эл жүрсө болбойт беле?" Ушуну ойлогондо ага жини келген менен баары бир тыя албасын билип эле турду. Баласы кыркка чамалап турмуш сырын, жашоонун өйдө, ылдыйын көргөнү менен: "алжып калган көрүнөт, өлөөрүндө сыйы менен эле үйдө отура бербейт беле, апамдын унчукпаганынан пайдаланып жатат да, апамдан башка аял болсо алда качан бизди жетелеп алып ушунун кылыгына чыдабай кетип калмак" деп машинасы менен узап бараткан атасын карап көпкө турду.

Дачага келген Күлчоро бөлмөлөргө кирип Сайнаны таппай, анын илинип турган пакетинин жанындагы сумкасын алды да паспортун издеп кирди. Тапты, шашып ачып: Жолдошова Сайнагүл Батырбековна дегенди окуп алып: "демек менин шекшингеним туура экен, менден сырын жашырып жүргөн тура, эгер мага айтса сүйлөшүп басып койбойт белем, мунун кылмышы эмне экенин астыртан билейин" деп паспортту ордуна салып кайра илип жатканда өзүн эшиктен шырп алдырбай кирип карап турган Сайнаны көрдү.

- Менин сумкамды эмнеге карадыңыз? - Сайна ызалуу, ачуусу келгендей карап турган эле, - бирдеме уурдап алдыбы деп арамданып жатасызбы?

- Гүлсара, отурчу ачууланбай, экөөбүз жакшылап сүйлөшөлү, - Күлчоро аны колтуктай столго отургузду, - Сен өз атыңды эмнеге жашырдың?

- Эмне, следователсизби? - Сайна кекете сүйлөй баштады, - Эгер андай болсо жооп берейин.

- Андай да, мындай да эмес, болгону сени издөө салып жүргөн баракчаны көрдүм, сүрөтүң менен…

- Кайдан? - Сайна чындап чоочуп алды, - кимдер издеп жатыптыр?

- Ким болмок эле, ички иштер бөлүмү.

- Мм, - Сайна көзүн жумуп ийди, жооп берүүгө алы келген жок.

- Ачыгыңды айтчы, эмне кылмышың үчүн издеп жүрүшөт? Эгер оңой болсо мен дароо эле басып койом, кудайга шүгүр тааныштар бар.

- Кереги жок, өз күнөөмдү өзүм эле көтөрөм, тапса таап алсын, таппаса…

- Анткениң туура эмес, эгер кылмышыңдын статьясы оор болсо өтө кыйын, доочу артыңан ээрчип алса анда ишиңдин бүткөнү.

- Жок, эч кандай кылмышым деле жок, убара болбоңуз, - Сайна ушинткен менен баары бир жазасыз калбасын билет: "Бул мени сүйлөшөм деп кармап берип койсо канттим, жок жо-ок, ага жол бербейм, муну жөн калтырбайын, бул озунгуча алдын алышым керек!" деп көзүн жумган бойдон отура берди.

Анын ушул турушун суктана карап турган Күлчоро анын жүзүнөн, чекесинен, чачынан өөп жатты.

- Менин периштем, сендей периштеге кандай жан суук колун созуп жатты экен, сени мен жөндөн жөн эле аларга салып бербейм, чындыгын текшерем, сени күнөөкөр деген адамды соо койбойм, - деп эркелетип жатты.

- А мен чындап эле күнөөлүү болсомчу, мисалы киши өлтүргөн болсом? - Сайна көзүн ачпаган бойдон сынай сурады.

- Эмне өзүңдө күнөө барбы, кылмышың ошончо оорбу? - Күлчоро аны таң кала карап ойлонуп кетти.

- Ооба, кылмышым оор, ошон үчүн атымды айтпай жашырып койгом.

- Мм, де.. - Күлчоро кучактаган колун койо берип ары-бери баса баштады. - Анда мага бир баштан айтып берсең ойлонуп көрөйүн да, тергөөчү менен сүйлөшүп туруп басып койууга аракет кылайын.

Сүйлөшөм деп убара болбой эле кой, мени табалбайт дагы, анчалык эле айбан эмесмин, оңой колго түшүп бергидей…

- Сен анда түлкүдөй мант бергенге устасың го, андан көрө кечикпей барып астыртан басып койуш керек эле го?!

- Мен үчүн кыйналбаңыз, өз арбайымды өзүм согууга дапдаярмын! - Сайна аны жактырбай, уктоочу бөлмөгө өтүп баратканда Күлчоро аны ашканага чакырды:

- Гүлсара, жүрү тамактаналы, анан бир аз сейилдеп келип жатабыз.

- Эчтекеге көңүлүм жок, өзүң тамактанып, эс алып кел, мен жата турайын, - ал кайрылып ойлоно калды да какшыктагандай сүйлөдү. - А-аа, менин өз атымдан эмнеге чакырбадың, азыр эле көрүп жатпадың беле?

- Көнүп калыптырмын, үч-төрт айдан бери Гүлсара, Гүлсара дей берип көнгөмүн го, анын үстүнө көргөнүм менен сенин атыңды кайра унутуп деле калбадымбы, - Күлчоро күлө сүйлөдү.

- Аа-аа, анда менин жаткым келип турат, сиз эс алып сейилдеп келиңиз. - Сайна кериле басып уктоочу бөлмөгө киргенде анын артынан кошо басты Күлчоро.

- Ошо кантип болсун? Мен эмнеге жалгыз эс алмак элем, карыганда сендей селкинин жанында ырахаттанып, өзүмдү-өзүм алаксытып, күүгүмдөп бараткан өмүрүмдө жарык чачыратып, аз калган жашоомду ушул сенин назың, күлкүң, кылыгың менен өткөрсөм дегем да…

- Ушул абалымда көңүл ачууга кантип чыдайм, мени түшүнсөңүз боло?! - Сайна бурула берип ызалуу үн чыгарды.

- Алтыным, түшүнүп турам сени, жүр эми, бир аз көңүл көтөрчүдөн ичип, эмне кылабыз, ошону кеңешели, - Күлчоро аны кайрадан кучактап өөп, зордоп ашканага алып кирди. Экөө винодон ичип, куурулган балык менен чай ичип, анан бак тарапка басты. Күлчоронун сөзүнүн бири да кулагына кирбей: "Бул мени баары бир кармап берет, тергөөчүгө билиндим дегиче иштин бүткөнү, андан көрө муну жазгырып эптеп, качып кетейин" деп ойлоп жатты. Ал эми Күлчоро болсо тергөөчүгө барып чындыгын айтып канча болсо да берип басып койойун дегенине көнбөй: "Бул мени качыра койбойт, уктаган кезде тынчытып туруп басып кетем, сейилдеп жатсын", деп ойлоду да:

- Макул, канча сурайт деп ойлойсуң, ошондо эле мени койо береби же..? - деп Күлчорого карады.

- Кыйын болсо доогерге билгизбей "табылбай жатат" деп койо турган кылып баары менен сүйлөшөм, болсо он, он беш миңди алса кудай эле дебейби.

- Андай болсо мен макулмун, эртең ошол акчаны таап кел, бүрсүгүнү экөөбүз бирге баралы.

Акылдуум менин, ошенткениң оң, болбосо иш татаалдашып кетет, мен эртең эле алып келем, - Күлчоро көк шибердин кунары уча баштаган, күзгү бактын арасына жетелеп кирип, кадимки жаш жигиттей аны көтөрө калып алдына отургузуп алды да чачтарынан сылап өпкүлөп, кытыгылап, - күлүп койчу жаным, кабатыр болбочу! - деп эртеңки күнү дал ушул жыпар жыт, жан жыргаткан ырахат тартуулоочу селкинин колунан тындым болоорун сезбей анын сулуу жүзүн кумарлана жыттап, кош алмасына кол сойлотуп эркелетип, эркелеп, анын көңүлүн көтөрүүгө аракеттенип жатты. Качан гана кумардан чыгып, көңүлү кушубак болгондо ээрчишип кирип, калган винодон ичишти да жатып калышты. Күлчоро жетимишке таяп калганы менен өзүн-өзү абдан карап, кубаттуу болуш үчүн тамакты күчтүүлөп ичер эле. Ушу турушунда кырктардагы жигиттей кубаты бар болчу. Бир аз ичип алганга жаткандан кийин да Сайна менен кумарга батып анан уйкуга кирди. Уйкусу келбей жүрөгү уйгу-тугу болгон келин ооналактап жатып да эртеңки күнү, жакында бейкапар уктап жаткан бейкүнөө чалды кантип көзүн тазалаарын билбей: "Акылсыз чал, сен мени аларга салып бергенче, мен сени ата-энеңдин жанына жеткирип койом, анан сулууларды ошояктан да таап алаарсың" деп жиниккендей кыжыры кайнап жатты. Күлчоро чын дили менен аны камырдан кыл сууругандай сууруп алаары бышык болчу. Бирок тайкы акыл аял аны душман көрүп туруп алды дилинде.

Эртең менен эрте ойгонгон Күлчоро Сайнаны аймалап, өөп жатып ойготту да анын уктап жатышын карап туруп түндө көргөн түшүн ойлоно кетти. Ал түндө бир укмуштуудай түш көрдү, уктап жатса жанында сур жылан жаткан экен, чагып алабы деп коркуп тура калайын десе баягы жылан заматта арбак болуп кубулуп аны жетелеп төшөгүнөн тургузуп эшикке сүйрөйт, ал жанталашып андан качса да болбой кара туман келип экөөнү тең ороп алып кетти. Кайдадыр жетип, айланасында бирөөлөр жүргөнүн көрөт, караса атасы, апасы, дагы тааныштары жүрөт, атасы аны карабай жүзүн үйрүйт, апасы капа боло минтет: "Уулум, жашыңда мейли, улгайганда жакшы болбой бизди кыйнадың, жаман жүргөнүңдүн кесепетинен бизге кошула турган болдуң, болбосо азыр сенин келээр убагың боло элек эле, атаң эми сенин жүзүңдү көрбөйт, сенден көңүлү калды" деп күйөөсүнүн артынан басып кетет. Ошондо эки жагын караса мурдагы жылы өлгөн кошунасы, тээ илгери өзү бузган секретарша кыз, анан аялынын апасы өздөрүнчө эле ары-бери басып жүрөт, ага көңүл бурбайт. Күлчоро баягысындай эле секретарша кызга асылайын десе ал: "Жолобо жаныма, сен мени бузуп койуп тийген эриме жүзүм кара болуп, ошондон өлдүм" деп басып кетет. Ал жүгүрүп баратып капкараңгы чуңкурга түшүп кетип андан чыга албай жатса үстүнөн биротоло капкара нерсе басып калып тумчугуп жатып ойгонуп кетсе үстүндөгү жеңил одеал тумшугун жаап калыптыр. Кара терге түшүп жүрөгү лакылдап калыптыр. Бирок ал ушу жашка келгиче андайга ишенчү эмес: "Чүмкөнүп жатып алган турбайымбы, ошого кыйналып жатыптырмын да" деп өзүн-өзү жооткотуп алды да кайрадан ашканага кирип окорочка алып кууруп даярдап дагы Сайнага кирди:

- Тура гой периштем, туруп тамагыңды ич, көрчү мен кандай тамак жасаганымды, - деп аны кытыгылап, жулмалап, эркелетип ойготту. Сайна ордуна отуруп алып көпкө чейин жаш келиндей уйкусурап: "Тобо-оо ушул байкушту да өлтүрөм деп койом, мага мунун деле зыяны жок го, бирок тергөөчүгө баргандан көрө житип кеткендей жоголгонум жакшы" деп аны телмире тиктеп ойлуу көпкө отуруп анан ыкшоолонуп атып араң туруп жуунуп ашканага кирди.

- Эмне эле таң атпай тургузуп жатасың? - чойоңдоп койду ал.

- Периштем менин, мен түндө ичкен виного башым ооруп калганынан эле эрте туруп алдым. Анан сенин да башың ооруп калдыбы деп ойготтум.

- Башым оорумактан оорусун, ушундан көрө өлүп тынганым жакшы эле го?!

- Ок, антип айтчу болбо, - Күлчоро анын жанына келип мойну башынан өөп койду, - кел эми тамагыңды ич, мен акча алып келейин.

- Чыксаң эле акча табылып калат деп ойлойсуңбу?

- Менин өздүк банкым бар, анын балдарга тиешеси жок, өзүмө гана берилет.

- Аа-а ошондойбу, көрсө көңүлүң ток тура ээ? - Сайна аны карап жасалма жылмайып койду, - анда көбүрөөк эле албайсыңбы, менин агамдын айтуусу бойунча прокурор, сот, адвокат үчөө бүтүрө турган иш экен бу, кудай буйруп ишим бүтүп калса…

- Бүтөт жаным, бүтпөгөн иш болмок беле, - ал ойлоно калды, - баса, агаң ким, кайда иштейт?

- Мм, - Сайна агасынын барын айтып ийгенине өкүнүп калды, - Аа-аа ал.. Ал жооптуу кызматта иштейт, мен ага деле күрөнбөй качып кеткем… Мурда айтып калчу, ушундай иштер жөнүндө укканым бар эле да.

- Кайсы кызматта, мүмкүн мен таанырмын?

- Жок, ал киши менен жолукпай эле кой, мени өзү эле өлтүрүп салат, - Сайна Күлчорону бирде сиз, бирде сен деп ойлору будуң-чаң болуп жатты: "Эмне кылсам, балким чын эле басып койсо тынчыраак жашай беремин", жок, жок мени бир кармаса Сталбек өзү соо койбойт, андан көрө жигимди билгизбей жоголойун" деп ойу бир жерге токтобой эптеп Күлчоро акча алып келсе будамайлап жылт койууну пландап алды: "Эгер муну тирүү койсом бала-чакасы менен таап алат, андан көрө өлтүрүп салганым оң" ал ушул ойун туура көрдү. Күлчоро тамактанып алып машинасын айдап чыгып кетти. Ошол күнү ал оңдой берди болуп бир аялды кызматчылык жумушка алып келиптир. Келээри менен Сайнаны өөп:

- Периштем, мына экөөбүздүн тамак-ашыбызды жасап, кирлерибизди жууганга кызматкер алып келдим.

- Туура кылыпсың, а акча апкелдиңби?

- Ананчы, жыйырма миңди алып келдим, эгер тойбой баратышса дагы ала койом, эки миллион сом турат, балдарга керек болсо өзүм алып берип турам, эч кам санаба.

- Макул эми, экөөбүз эртең дем алыш күн экен бүрсүгүнү баралы.

- Ооба, ошондой кылалы, - андан ары Күлчоро кайрадан өзүнө тааныш тергөөчү издеп, кеңешип келүүгө жөнөдү. Сайна болсо: "Бүгүн сөзсүз муну тынчытып кетишим керек, бул акча менен кайда болсо жашырынып жашап кетем" деп көңүлү ток болуп аны кантип тынчытыштын амалын издей баштады.

Күлчоро келгенче кызматчы аял тамак жасап экөө аны күтүп калды. Ал келгенден кийин Сайна арак алдырды. Көпкө чейин ичип отурушуп алдыда боло турган беттешүү жөнүндө кеңешип жатып Күлчоро кызып калды, өзү аздан ичип эптеп аны уктатыштын далалатын издеп бакка жетеледи. Бирок ал үйгө жатам дегенинен бөлмөгө киргизип терезелерди ачты да жаткырып койду. Күлчоро аны койо бербей:

- П-пер-риш-штем м-менин, жат-тчы жаныма, сенсиз мен ж-жата ал-байм! - деп кучактап диванга басып алды. Антип-минткиче күүгүм кирип көз байлана баштаганда уйкуга кирди. Ошону эле күтүп турган Сайна анын мурдун, оозун өзүнүн жаздыгы менен бекем басып тумчуктура баштады эле ал тыбырчылап көпкө алышты. Күч менен койо бербей басып туруп алганда акырындап алсызданып барып колдору шалак дей түштү. Кызматчы аял аны кирип келе жатып көрүп калды да дароо жөнөп шаарга келип, милицияга билдирип ээрчитип келгенче Сайна алчусун алды да жолго түштү.

Дал ошол опергруппанын кызматкерлери келе жатканда Сайна түшкөн маршрутка менен кайчылаш өтүп кетти. Түндөп келип мейманканага түнөдү да эртең менен эрте "Дордойго" барып бир сыйра мусулмандар кийчүдөй көйнөк-жоолук, туфли алып, анан теспе, куран китеп менен дубалар жазылган китепти сатып алгандан кийин: "Айылдардын бирине кетип калайын, алыс кетип калсам эч ким таба албайт, айылда көзү ачыктарды жакшы сыйлашат" деп ойлоп кырк бир ташты камдап алып өзүнө белгисиз, чоочун, алыскы айылдардын бирине жол тартты…

Опергруппа келгенде Сайнаны таппай калды, Күлчоро эбак эле оо дүйнөгө сапар алыптыр. Анын сөөгүн жүктөп алып алар моргго алып барып койуп эртеси балдарына билдиришкенде аялы абдан кейиди. Балдары, кыздары чогулуп алып: "Сайнаны өз колубуз менен өлтүрөбүз" дешип чурулдап жатышты. Бул чырдын үстүнөн прокуратурага келген Сталбек чыгып калып, Сайнанын агасына айтты эле бир кезде бирге иштеген кесиптешинин өлүмү өз карындашынын колунан ажал тапканына уялып да, кейип да турду.

Күлчорону акыркы жайына койуп болгондон кийин Сайнаны издөө абдан катуу жүрдү, Бирок жиги жок, билинбей баарын убара кылды. Улуу баласынын жини кайнап көзүнө көрүнсө эки чайнап бир жутар кейпи бар, бирок табылбады. Сталбек кайда болсо издегени Сайна. Жашоодо бирөө ыйласа, кан жутуп мөгдүрөп жатса, бирөөлөр күлүп ойноп өз нугу менен өтө берет эмеспи. Күлчоронун үйбүлөсү анын карыганча тыйылбай, кыз келинди көз жаздымдан өткөрбөгөнүн өз ичтеринен ойлонуп: "Өзүнө чала, сыйыбызды көрүп төрдө отура бербейт беле" дешип ойлосо апасы дагы да болсо актап:

- Балдарым, айланайындар, силер атаңарга наалат келтирбегиле, ар кимдин өз пешенесине жазылган жыргалы, кууралы болот, ошону менен бирге ажалды да ошондон буйруган, бул буйрук, - деп жайгарып жатты.

- Ошентсе да уялат экенсиң, кайдагы бир аялдын колунан өлгөнү намысты тебелеп жатпайбы, үйдө жатып өз ажалынан өлсө жүзүбүз жарык болмок, - улуу баласы Мамбет башын жерге сала капа болуп отурду.

- Уулум, сен ага намыстанба, башыңды өйдө көтөр, анын арбагына шек келтирбе, ал киши колдуу болду, шейит кетти.

- Арам жашаган катыны өлтүрсө эле шейит кетмек беле, карыганда акылын жыйнай албай жазасын алып калды да.

- Ок антпе балам, өзүңө, калган балдарыма, неберелериме кудай өмүр берсин, дөөлөт берсин.

- Апа, сиздин көлдөй кең пейилдигиңизден, адам көңүлүн калтырбаган жумшактыгыңыздан ушул ишке барды атам, болбосо ким билет? - Мамбет ойлонуп отуруп калды.

х х х

Сайна алыскы айылдын бирине барып эки жагын карап: "Эми кандай кылсам, эч кимди тааныбасам, эптеп бир үйдү айтсам, "акысын төлөп бир бөлмөсүнө киши көрөм" деп туруп калганга болот эле" деп көчө бойлоп баратып бир аялды токтотту:

- Ассалоому Алейкум эже, мен сизден бирөөнү сурасам болобу? - тигил аял узун көйнөк-ыштан кийип, жоолукту алдына салынган татынакай узун бойлуу келинди бүшүркөй карады:

- Жакшы айлайын, сурай кой.

- Эркинбек дегенди билбейсизби? - сыпайы жылмая карады.

- Билбейт экенмин, ал эмнең эле?

- Албы, ал… мага көрүнүп жүргөн эле, кетээринде дарегин берген, жоготуп алдым, - калпты шатырата айта салды.

- Андай жок бизде.. Ий баса, биздин өкмөттө бугалтыр болуп иштеген Эркинбек болуп жүрбөсүн, бирок ал оору-сыркоосу жок эле жүрөт.

- Эмне кылышымды билбей калдым, өтө оорулуу болчу, бөйрөгүндө ташын түшүргөн элем, мени менен жүрүңүз дегенинен жумушум чыгып калып калган болчумун.

- Эмне, киши көрөсүңбү? - Аял кызыга сурады.

- Ооба, киши көрөм, ал мени биздин айылда келе албаган оорулар көп, барып биздикинен көрүңүз деген эле.

- Андай болсо биздин үйдө туруп көрө берсең, ушул эле Өзгөрүштөн болсо табылаар.

- Макул эже, ошондой кылайын, менин атым Фарида, Бишкекте мени тааныбаган киши аз, төлгө тартам, дем салам.

- Жакшы болгон туура, мен өзүм да ооруп жүрөт элем, - аял аны ээрчите көчөнүн башын көздөй жөнөдү.

- Көп ойлонсоңуз керек, жалгыз бой окшойсуз? - деп аны чын эле көзү ачыктай айтканда тигил аял таң кала карады да, үн дебей баса берди: "Ырас эле көзү ачык го, менин жалгыз бой болуп, көп ойлонгонумду биле койгонун" деп анын алды жагында баратып ишенип алды.

Бул Өзгөрүш айылынын тургуну Калыя эле, күйөөсү өлүп калып, үч баласын колундагы малдын жугу менен багып жүргөн аял. Топ ташы жакшы, турмушу да жакшы эле, бирок күйөөсү өлгөндөн кийин бир топ азап тартып, балдары катар-катар бой жетип, же малынын аягы өспөй кыйналып жүргөн. Илгертен эле элибизде үйдөн бирөөндө ырыскы болот дешкендей күйөөсү өлгөндөн кийин негедир жакырчылыкка дуушар боло баштаган эле. Зээни кейигенде: "Өлүмгө жетпегир, өзү өлгөндө ырыскысын таштабай ала кеткен го, балдардын бирине таштап кетпей" деп наалып да калчу. Өзү көп эле оосар сүйлөбөгөн токтоо аял. Сайнаны үйүнө ээрчитип келип, жасалгалуу бөлмөсүнө киргизди да:

- Ушул бөлмөдө тура бер айланайын, балдар келсе бир кагазга жазып эл көп келген базарга илдирип койом, анан уккан эл өзү келе берет, - деди.

- Рахмат эже, алла ыраазы болсун, сиз мындай кең пейилдигиңиз менен алланын алкоосуна татыйсыз, - Сайна ага чын пейили менен ыраазылык билдирди.

- Айтканың келсин садага, мен эми көрчүнү көрдүм дегендей, ушу балдарым эле ордун таап кетсе ыраазы элем кудайга.

- Антпеңиз эже, ар бир пенденин өзүнө ыроолонгон өмүрү жашоосу, ырыскысы бар, жаш кары дебей алладан сурансаңыз! - Сайна кадимки көзү ачык же молдодон бетер сүйлөп жатты. Чынында анын мурда бир бой жүргөндө төлгө салып көчөгө чыгып жүргөн жайы бар болчу. Ошол адаты менен эптеп изин сууткусу келип отурат.

Бирок канчалык күнөөң болсо да алланын атын атап кечирим сурасаң кечирет деген сөз бар эмеспи. Илгери бир камыштуу өрөөндө ары өткөн, бери өткөндү тоногон каракчы болгон экен. Ал Осмон-Ата өрөөнүндөгү камыштуу суу жээгин бойлой өткөн жолдон алыскы Базар-Коргонго мал сатып келаткан атчан, төөчөн соодагерлерди тоноп, каршылык кылгандарды өлтүрүп салчу экен. Бул дүйнөгө ким түркүк болмок, акыры бул опасыз дүйнөдөн ал дагы өткөндө аялы, бала-чакасы өкүрүп ыйлап жатканда карапайым элдин бир тобу чогула калышып келгенде молдолор бир жигитти жиберип:

- Кудайдын каарына калган каракчыга жаназа жүрбөйт, ага барбагыла! - деп элди кайтарган экен. Ошондо өлүк ээлеринин башына каран түн түшүп, өлүктү кайда койорун билбей селдейип отуруп калышат. Үчүнчү түнү түн бир оокумда шуулдаган шоокум пайда болуп, бир азга шамал жүрүп түндүктөн жарык пайда болот да көшөгөнүн ичиндеги адам денесин көзгө илээшпей түндүктөн чыгарып кеткен экен. Ошондо аларга жакын жашаган молдо эшикте жүрүп бул окуяны көрүп дароо жетип келип аялынан сурайт:

- Ой келин бала эмне болду, бир укмуш көрдүм, түндүктөн кирип түндүктөн чыкты? - дегенде аялы ага карап:

- Кудайдын каарына калды деп бир адамды бастырып келтирбедиңиз эле, алла таалага ыраазыбыз, өз пендесине өзү боор ооруп алып кетти, - дегенде молдо жакасын кармай калат.

- Койчу?! - Молдо ишенкиребей көшөгөнү ачып караса өлүк жаткан жер бош турган экен. - Эк кудайга това-аа, парваддигер, касиетиңден айланайын алла, кечире көр пенделериңдин күнөөсүн; - деп ыйлап жиберген экен. Бир аздан кийин чөк түшө калып куран окуйт да, - келин бала, айланайын, күйөөң жатканда, турганда, бир жакка аттанаарда эмне деп келме келтирчү эле? - деп сурайт.

- Билбейм молдоке, анын келмесин билгеним жок, бирок үйгө кирээрде кыбыланы карап көпкө оозун кыбыратып турчу, жатаарда күбүрөнүп атып жатчу, эртең менен турганда, аттанаарда да эч унутпай ушуларды жасамайын аттанчу эмес.

- Оо жараткан, кайран гана киши, көрсө кылган иштеринин баарынын алдын ала кечирим сурап алладан өтүнгөн экен да, ей алла, эй алла! - молдо көпкө дендароо болуп отуруп үйүнө кайткан экен.

Эртеси элге дуу этип киши тоногуч каракчыны периштелер алып кеткенин угушуп агылып келип шумдуктуу окуяны өздөрү көрүп анан маркумдун үйбүлөсүнө көз көрсөткөнү чубап жатышты. Маркумдун арбагына багышталып мал сойулуп, куран түшүрүп молдолор алладан өз күнөөлөрүн кечиришин сурап ар кандай кеп уланып анан тараган экен.

Анын сыңары Сайна өзүн-өзү көзү ачыкмын деп жарыя кылып алып аргасыз намаз билбесе да даарат алып беш маал кудайдан кечирим сурай баштады. Апасы айылдын чоң төлгөчүсү эле, айылдагылар алыстан уулу же кызы келмек болуп кечиккенде төлгө салдырса анын айтканындай келчү. Сайнада деги ошондой өнөр бар эле, эми ушул кысталаң учурда пайдаланып жатты. Анын айтканына ишенип алган эл сыйлап ага чоң ызаат сый көрсөтүп ар күнү ар кайсы жакка алып кетет. Ошол айылда бир жигит бар эле, турмушу оңолбой үй-жайынан, бүлөсүнөн ажырашып кыйналып жүргөн. Ал бир күнү Сайнага келди:

- Мага төлгө салып бериңизчи, деги жакшылык күн бар бекен менин пешенемде? - Ал кашы көзү кара, апаппак болуп толугунан келген аялды көрүп жүрөгү "зырп" этип алды: "Кудая тобоо, ушундай сулуу аял болот экен ээ?"

- Сиздин жолуңузду бир аял байлаткан экен, кара жипти окутуп туруп жашаган үйүңүздүн босогосуна көмүп койуптур, ошону мага таап келиңиз, аны өрттөп дубасын жандырмайынча эч өзгөрүү болбойт!

- Ой ал үйдү эчак эле бузуп салганбыз да, башка жакка үй салып көчүп кеткенбиз.

- Анда кыйын болуп калат го, эмне болсо да аракет кылыңыз! - деп сүзүлүп койду Сайна.

- Карындаш, сиз мени эки жол менен байладыңыз, бири сулуулугуңузга байландым, бири үйүмдүн босогосун кайдан, кантип табам? - күлүмсүрөй карады.

- Андай сөздү айтканыңыз күнөө болот, сиз мен айтканды аткарыңыз! - Сайна ага түз карабай бир аз наздана жылмайып койду.

- Жакшы калыңыз! - жигит да азга жылмая, колун көкүрөгүнө койо коштошуп чыгып кетти. Ал кеткенден кийин Сайна ойлонуп калды: "Дубасы жок эле немени убарага салып койдум, өзү жакшы эле адам көрүнөт, каран калгырдыкы ай, качып жүрбөгөн эркин болсом ушундай бирөөгө чыгып алмак экемин. Арман ай, ушул үчүн өмүр бойу жүзүмдү жашырып өтөмбү?" көздөрүнө жаш толо түштү: "Күлчоронун тилин алып милицияга бара берсем болмок экен" деп, отурган калыбында шуу үшкүрүп алды.

Күлчоронун бала-чакасы, туугандары канчалык издөө салганы менен ал житип кеткендей жоголду. Алар анын алыскы айылга барып, тазалык, аруулук жөнүндө сүйлөп, кудайдын сүйгөн пендеси катары эл көрүп, алкышка батып жүргөнүн кайдан билмек, тек кана: "Жер тоголок, акыры бир көрүнөөр…" деп кектерин ичине сактап кала беришти. Сталбектин кеги кайта түшкөн, анын кызы кадимкидей болуп, жаркылдап маңдайында жүргөнүнө тобо кылып: "Ушуга да шүгүр, ошол бойдон калса эмне болот эле?" деп ойлонуп калат аны көргөн сайын. Зинанын көзү гана кичине билинип турганы болбосо азыр ойлонбой, өз калыбында эле. Бирок ал да Сайна көзүнө бир көрүнсө бирди көрсөтөөрү анык: "Эгер колумда болбосо, эптеп оокат өткөргөн бирөө болсом кызым кандай абалда калат эле, туугандарым менен досторго ырахмат, көтөрмөлөп кеткенине" деп, ушуларды ойлоп кээде тунжурап калат. Сталбек Айнураны унута албай койду: "байкушум, ата-энең сени тирүү деп жүрүшөт го, кайдан кантип таап билдирээр экенмин" деп жүргөндө кудасынын үйүнөн уккан, көргөнү аны тынч алдырбай: "Кой, улуу болсом да койнумда жатып уул төрөп берди эле, атасы мен курдуу эле экен, аларды коноктоп сыйлап, ага-тууганымды кошо чакырып угузайын, ушул үйдөн сөөгү чыккандан кийин менин милдетим, айтпай койууга болбойт" деп ойлонуп камынып жатты. Токтосун менен Аптакан экөөнүн тең бир сыйрасын даярдап, Марина менен Эркинге дагы бир сыйра алып койду.

Эртеси алар келгенде бата кылып мал сойулуп абдан жакшы тосуп алды. Токтосун менен Аптакан башынан арак ичпеген эмелер, сый көрүп, тамактанып бүткөндөн кийин Сталбектин аталаш агасы сөз баштады:

- Кудалар, келишиңерге биз абдан кубанычтабыз, эми мен силерге ачыгын айтсам… - ал Сталбекти карап койду. - Бул инимдин төрт кызы бар эле, кыздары чоңойгондо "уулдуу болчумун, туяксыз каламбы" деп жаратканга да, аялына да нааразы болуп бир жаш кыз менен кетип калган, аялы абдан жакшы аял болчу, ойдон жүрөгү кармап кайтыш болуп калды. Кыркын өткөргөндөн кийин иним чогулган эл тарай электе минтип калды:

- Агаларым, инилерим, менин силер менен кеңеше турган жайым бар, туура көрсөңөр айтайын.

- Айт, айт, - дедик биз аны жабыла карап.

- Өзүңөр билесиңер, мен үйлөнүп алгамын, уулум бир жаштан өтүп калды, эми кыздардын жанында болбосом болбойт, мурда апасы бар эле, көөнүм ток болчу, уруксат этсеңер аялым менен баламды үйгө алып келейин… - ичибизде кайниси, балдыздары бар эле, Сталбекти өтө сыйлашчу, эч нерсе дешпеди Бир балдызы гана:

- Жезде, сизге өйдө, ылдый дебейбиз, мурда сый элек, эми деле сый калалы, бирок кыздарга сөзү тийбесин, ага болушуп сиз да жаман айтпаңыз, бойго жетип калышты, кыз бирөөнүн бүлөсү болуп эртең эле кетет! - деп ыйлап ийди, - өлгөндү тапмак жок экен, тирүү адам жашоосун улантышы зарыл!

- Туура айланайын, жакшы кишинин, ата-эне көргөн кыздын сүйлөгөнү ушул, айтаары ушул, алып келсең алып кел, жашооңду уланта бер, бирок арбакты сыйла! - деп биз да коштодук, - аксакал ойлонуп калды. - Ошентип Сталбек аялын алып келди, жибектей созулган кыз экен, - ушул жерге келгенде Марина өзүн кармай албай көзүнүн жашын көрсөтпөй сыртка чыгып кетти. - Уулу Улан чала-бучук сүйлөп калыптыр, жакшынакай жашап эле калышты. Арадан дагы бир жыл өтүп Улан экиге чыкканда төрөттөн каза болуп калды… - Сталбек ордунан тура калды. - Кечээ иним кудасыныкына конокко барып жаман абалда калыптыр, анткени санаага салып жүргөн аялынын ата-энеси табылып, сый көрүп отуруп ал жерде айтууну туура көрбөптүр… Эми-ии, куда-кудагыйлар анын көзү өтсө да уулу, биздин тукум турат, кайрат кылгыла. Айнура биздин келинибиз, силердин кызыңар экен! - дегенде сыртта ыйлап отурган Марина бакырып үйгө кирди, Аптакан чаңырып жиберди. Экөө кучакташып ыйлап калды.

Токтосун:

- Оо, каралдым, биз тирүү деп күтүп жүргөн чырагым өчкөн туура, оо айланайындар, ушуну угуу үчүн келдик беле?! - деп өкүрүп кирди.

- Айланайын чырагым, кагылайын каралдым, айрылып калдымбы сенден, оо жараткан, бул эмне деген азабың эле?? - Аптакан бир жерде бакырып бир топко күйүттөрү ичине батпай боздоп турушту. Аларды тыйып, кайрат айтып жатышты. Сталбек да Айнура эми жаңы өлгөндөй көз жашын көлдөтүп уулун кучактап отуруп калды. Акыры аксакал карыя аларга насаат айтып:

- Ыйдын арты ый деген, кайрат кылгыла, жакшынын артында жакшы сөз калат, өмүрү кыска болот, калган балаңар аман болсун, мурунтан дайныңарды билсек кабар бермекпиз, келин эч нерсе айтпай өтүп кетти, силерди көрүп отуруп, жакшы үйбүлөдөн чыкканын көрүп отурабыз, кайрат кылгыла, кудалар. Тирүү болсо алда качан эшигиңерди көрүп, кызыңарды алып бармакпыз, - деп дагы насаат айтып отурду. Бугу чыккыча ыйлап анан эсине келгенде Уланга карашты. Ал тигилердин ыйлап жатканынан коркуп отурган.

- Келчи, келе гой садага, кагылайын калдыгым, сени көргөнгө да кудайга шүгүр, белегим менин. - Аптакан ордунан туруп келип Уланды кучактап өөп ыйлап кирди. - Оо каралдым, өмүрүң кыска беле, ичиңде айтылбаган арманың кеттиби, сырың кеттиби, жаныңда болсом эмине?! - Уланды кучактап өөп жашып көз жашын көлдөтүп жатты.

Токтосун, Марина да Уланды өөп жыттап анан отуруп калышты.

- Эмесе куда, кудагый, арбакка багыштап куран окуйлу, билчү дүйнө болсо силердин келгениңерди билип жаткандыр, ушул үйдөн сөөгү чыкпадыбы, "Өгүз өлгөн жерине өкүр" деген кеп бар эмеспи! - деп аксакал айтканда тым болуп отуруп куран окулуп бата кылынды.

- Аттиң, айла канча, биз аны иштеп жүрөт го, келээр деп ар күнү күтүп жүргөнүбүзчү, же дайынын айтпады бизге дагы, - Токтосун оор күрсүнүп алды.

- Ошону айтсаң, каралдым ай, кантип кана көзүң жумулду экен, жан күйөөрүң жаныңда болбой, - Аптакан ый аралаш улутунуп алды.

- Жазмыш да куда, кудагыйлар, эгер Сара менен Тынчтык үйлөнбөсө кайдан билмекпиз, силер күтүп жүрө бермексиңер, бүгүн эртең кирип келчүдөй болуп.

- Мен да көп түйшүктөрдү тартып алагды болуп калдым, болбосо Айнураны издегендер менин үйүмө келсин деп дарегимди берип жарыя кылсам деп ойлогом, жаңы эле баш аягымды жыйдым, - Сталбек күнөөлүүдөй үн катты.

Аптакан: "Ботом, атасындай немеге тийип алганын кара, колунда бар неме болсо, азып-тозуп жүргөндө азгырып алса керек, болбосо…" деп ойлонуп кетти: "Үйдөн качканда кудай таала кайрылып даам татпас кылган экен, мына эми өлүгүн көрбөй калганыбыз жаман болбодубу, баса кыз бала баары бир бөлөк эл, бөлөк жердин бүлөсү, өлсө ошол жерде калат эмеспи" кайра өзүн-өзү сооротуп Айнуранын эмнеге атасындай кишиге тийип алганына түшүнө албай отурду. Ошентип ар кайсыны ойлоп отуруп Сталбекке карады:

- Мынча болду, мүрзөсүн көрүп кетели, эртең кызымдын жаткан жайына барып куран окуйлу. - Аптакан күйөөсүнө карады.

- Ооба, барбай кантип кетмек элек, ал турсун мал сойуп эл чакырып куран окуталы, ушул үйдөн чыгып жатса…

- Туура, - дешип колдоду отургандар. Эркин эртеси эрте туруп барып сойуш алып келмей болду.

Сталбек кызы менен эки аялына тең окшош кылып эстелик койуп, сүрөттөрүн илип койгон. Аптакан менен Токтосун, Марина үчөө эстеликке карап үнсүз ыйлап турушуп анан эңкейе топурагына колдорун тийгизе сылап койушту.

Сталбек үйүнө келгенден кийин аларды кайрадан коноктоп, кийит кийгизип:

- Айнуранын көзү өтсө уулум турат, келип кетип туруңуздар, - деп күңгүрөндү.

- Ооба келбей анан, өзүңөр да баланы ээрчитип анын өскөн жерин, төрөлгөн үйүн көрүп келип тургула! - Токтосун чын дили менен айтып отурду.

- Мен Айнуранын чечилип сүйлөгөнүн, сырын укпадым, акыры: "Жүрү барып келели, ата-энеме" деп айтаар деп күттүм, өзүм айтсам же сөзү жок, унчукпай тим болуп койчу. - Ушул учурда ал Лира менен Айнуранын өч болуп кеткени сыртка чыкпаганына, анын кызы атайылап түртүп ийгенин эч ким билбегенине ичинен кубанып отурду. "Эмнеден өлдү, врачтардан сурайлы, кантип өлгөнүн билели" дейби деген купуя ойдо турган Сталбек эс ала түштү: "Үйдөгү сыр эч кимге билинбей калганына тобо-оо" деп.

Ошентип Уланды кайра-кайра өөп жатып жолго чыгышты. Сталбек иниси, агалары менен узатып калды. Алардын ыйлап-сыктап келгенин көргөн Сара менен Асылкүл дароо билишип дасторкон жайылып куран окутушту. Аябай сый көрүп, кийит кийип, бир жумадан кийин кетээринде Сталбектин үйүнө барып Уланга жолугуп анан айылга жол тартышты. Адам баласын кубаныч кайгы коштоп жүрөөрү чындык эмей эмне, Маринанын бактылуу болуп, ойдогудай жерге барганына кубанып, жетине албай турушканда, Айнураны угузганы катуу тийди аларга. Арга канча, пенде деген ошо тура, бүгүн бар да эртең жок. Бири кем дүйнө десең. Алла таала өлүмдү өзү буйруп, ар кайсыдан көрүп баш ийип берген пендесине ыраазы болот экен. "Мен пенделериме ыраазымын, баарын жан-жаныбардын бүтүн өзүм буйрусам да пендем менден көрбөй тоодон, суудан, оорудан, кокустуктан көрөт" деп. Анын сыңары Токтосун менен Аптакан дагы: "Үйдөн качканы жаман болчу, жылан чакпай, жылкы теппей дайынсыз жоголуп кетип картаң кишиге тийип алганын, өзүнө-өзү шор тилеп, ажал тапты" дешип, бирде ыйлап, бирде айтпай этпей кетип калганына жини келип отуруп калышты.

Сайна эл көрүп, төлгө салып, чала-була намаз окуган болуп, бирок анын жандүйнөсү тынч ала албай, өмүр бойу жашырынып жүрүүдөн тажап, өкүнүп жүргөндө капысынан эч жери оорубай этпей эле илең-салаң болуп төшөккө жатып калды. Арадан аз убакыт өтпөй майда, майда бүртүкчө каптап барып тегиз жарага айланды. Анысы аз келгенсип бети-колу бүт жара болуп кычышып кыйнала баштады. Уктагандан коркот, көзү илинип кетсе эле Күлчоро аны көздөй тирүүсүндөгүдөй эле кол созуп: "Периштем келчи мага, сагындым, сенсиз мага жашоо жок" деп түшүнө кирет. Ан сайын ойлонуп: "Мени кудай жазалап жатат, мен куруйун, эмнеге күнөөгө баттым экен, эмне үчүн жаралдым, жакшы аял болсом Сталбек кайда качмак эле, акыры мага көнөт эле го?" деп ыйлап өзүнүн кетирген жаңылыштыгына өзү жини келип жатты. Канчалык кудайга жалынып кечирим сурабасын, денесине кийим кие албай эзилип жаранын азабынан арыктап да бүткөн. Калыя анын төшөккө жатып калганында каралашып жүрдү. Бети, колунун ылжырап жара болуп кеткенин көрүп: "Элди дарылаган эме өзүн дарылай албайбы, капырай эмне болот эми, доктурга бар десемби" деп ойлонуп калганда Сайна өзү да ушуну ойлой баштаган. Бул учурда арадан үч жыл аткан октой өтүп кеткен эле: "Болсо бир айла врачтардан болот, болбосо менин кудай тааладан көргөн жазам ушул, көрөөр күн, ичээр суум түгөнгөнү" деп төлгөчү болуп жүрүп жыйган акчасына дарыланууну ойлонуп айылдык ооруканага барды эле:

- Мындай ооруну биз айыктыра албайбыз, шаарга барыңыз, - дешти.

- Жок дегенде аракет кылсаңар болбойбу? - Сайна аргасы түгөнө сурады.

- Мейли, мына бул маздан сыйпап көрүңүз, өтүшүп кетиптир, жаңы пайда болгондо келсеңер болмок, - деп мазь жазып берди. Бирок бүт денесине сыйпап көрүш үчүн ал маздан онду бир алса да жетпеди, же бир таасир этпеди. Айласы кеткенде такси менен шаарга келип ооруканага келсе тери оорулардын ооруканасына жиберди. Ал жерде бир айдай жатса да жылыш болбоду, кайрадан карттанып суу чыгат, кычышат, ошентип шайы кетип калды. Дары уколдордун бирине да болбоду. Арыктап, жүзү киши дит багып карагыс болуп өзгөрдү. Аргасыз агасына бирөөнү жөнөттү дареги берип.

Агасы Осмонго кат барганда жини келип баргысы келген жок, келген киши:

- Абалы өтө оор, тезинен барбасаңыз болбойт, - дегенде ал айла жок ага бурк этип койду:

- Эртең барам, - Үйүндө отуруп ойлонуп аялына айтты эле ал минтти:

- А шермендең көк бет, катуу ооруганынан, айласы кеткенде жиберген го, болбосо дайынын билгизмек эмес.

- Ырас эле, жаман болсо да бир тууганым да… - Осмон ага эртеси барды. Сайна алсыз төшөктү ачып койуп жалгыз палатада кийимин чечинип жаткан. Агасын көрүп ыйлайын деп ыйлай албады, эки көзү гана жылтырап турган Сайнаны Осмон тааныбай да калды.

- Мени чакырдың беле, сен кимсиң? - Осмон аны тик багып кароодон жийиркенип сурады.

- Аке, мен Сайнамын! - Сайна алсыз шыбыраганда ал чоочуп кетти.

- Койчу, эмне минтип кеткенсиң? - дале ишене албай турду ал.

- Ооба, менмин, мени кечир аке, мени кудай өзү жазалап жатат, өлөөрүмдө кечирим сурайын, Сталбекти, Күлчоронун балдарын чакырып бериңиз?!

- Болуптур! - Осмон азыр Сайнаны урушуп, тилдегенге оозу барбады. - Эртең чакырып келем, тамак ичип жатасыңбы? - Боору ооруй сурады Осмон.

- Кайдан, тамак эмес суу өтпөй калды. - Сайнанын көз кычыктарына жаш пайда болду.

- Жөн жүрбөдүң, мен врачтар менен сүйлөшүп көрөйүнчү, - Осмон чыгып кетти. Ал врачтарга сүйлөшсө баары эле: "дары менен уколдун күчү жетпей калды, күчөп кетиптир" дешип айтышты.

- Эч аргасы жокпу?

- Жок, биздин алыбыз жетпейт, - дешкенинен кайра Сайнанын жанына келип көпкө отурду да, зээни кейип үйүнө жөнөдү. Күлчоронун улуу баласы Мамбетти, Сталбекти эч нерсе айтпай эле оорукананын алдынан жолугушууга чакырып койуп өзү күтүп турду. Алар келгенде Осмон чыдамсыздык менен күтүп турган.

- Жүргүлө! - деп алдыга өзү басып Сайна жаткан палатага ээрчитип кирди. - Муну тааныйсыңарбы?

- Жок.

- Жок, - дешти экөө тең таң кала.

- Тааныбасаңар бул Сайна, менин кара чечекей бир тууган карындашым! - деп басып терезеден сыртты карап туруп калды.

- Койчу?!

- Кантип?! - Экөө жарыша чоочуп кетишти.

- Ушинтип эле, - Осмон жин даарыгандай каткырып күлдү. - Көрүп турбайсыңарбы, муну силер эмес эле кудай жазалаган туура!

- Кызык.

- Ишенбей турам… - алар ошентип ийин куушуруп турушканда Сайна аларды карап:

- Сталбек сен кал, сөзүм бар, - деп шыбырады. Бир, бирин карап Мамбет менен Осмон чыгып кетишти. - Сен мени кечир, кечир… менин жаштыгыма, сулуулугума көңүл бурбаганың үчүн ошентип өч алам дегем… кечир мени?!

- Алда качан кечиргем, - Сталбек анын ушул турушун, баягы мойну койкойгон кара каш, кара көз келинге окшото албай ичинен боору ооруп кетти. - Кечирдим… - Антпеске аргасы жок эле, ушу кездеги оорулуу, бир алда турган адамдан өч алып эмнени тапмак, жулунуп жүгүрүп жүргөндө жолукса анда башкача болмок. Азыр аны күнөөлөөгө да, табалоого да болбойт эле: "Миң кишинин наалатына калгыча бир кишинин сообуна кал" дегендей Сталбек аны аргасыз карап туруп: "Элдин, көз жаштын, каргыштын азабын тартып, кудайдын каарына калган экен" деп ойлоп койду.

- Өлүм алдында кечирим сурайын деп чакырткам.

- Кечирдим… - Сталбек сыртты көздөй кадам таштады. Ал сыртка чыкканда Мамбет кирди:

- Күлчоронун баласысыңбы? - Сайна башын көтөрүп алып сурады.

- Ооба, - Мамбет аны карагандан жийиркенип жер карап туруп жооп берди.

- Мени кечирип койгула, - деп жаздыгынын алдын сыйпалап бир түйүнчөк алып чыкты, - муну ал, кутулайын карыздан!

- Бул эмне? - Мамбет таң кала сурады.

- Акча, ушул үчүн адам өлтүргөм! - Сайна жатып калды көзүн жумуп. Мамбет азыр акчаны алаарын же албасын билбей турду:

- Сиз мага карыз белеңиз, аны өзүнө берсеңиз болмок…

- Мм, - Сайна жылмайып алды, - барганда бересиң дегени турасың го ээ?

- Деги да, мен эмне кылам, дары-дармекке жумшаңыз.

- Мен эми киши болбойм, бир кезде өлүмдүн түрү суук экенин сезе элек эселек элем. Азыр ажал алкымдап алып турганда кечирим берээр деп ушуну кылып отурам, мендей акылсызды кечиргиле, карызды алып берүүчү дүйнө болсо гана… анда өзүнө бербейт белем, мени шакаба кылбай алып кой, мен эми дарылансам да баары бир кудайдын буйругу менен минтип жазаланып дартыма дабаа табылбай… - Сайна сүйлөй албай мукактанып калды. Мамбет бир кездеги татынакай келиндин жүзү ылжырап эки эле көзү калганына боору ооруп кетти бейм шашкалактап:

- Кечтим эже, кегимден кайттым, алдагы акчага өзүңүз атама куран окутуп, арбактан кечирим сураңыз! - деп алды да чыгып кетти. Сайна түйүнчөктү кармаган бойдон көзүн жумуп жатып: "Чын эле Күлчоронун арбагына бир да жолу багыштап куран окуткан эмес экемин, арбак ыраазы болбосо…" деген ойго келди. Ушул учурда Осмон келип анын жанына отурду:

- Тигилер кечирим берди, көөнүңдү көтөрүп айыгууга аракет кыл эми.

- Эми кайдан айыкмак элем аке, сен дагы кечир мени, өз айыбымды тартып, жазмышка баш ийип турам го, аргам жок айыгууга жол жок, үмүтүм жок.

- Антпей кудайдан суран, дартка дабаа сура, кубат сура! - Осмон ага жан тарта, кейий сүйлөдү.

- Аке мына бул акчаны алып Күлчорого куран окутуп койойун, жети күн тамак-аш алып келип берсеңиз, ооруканадагыларга куран окутуп берейин.

- Макул, бул акчаны сен өзүңдү дарылаганга жумша, өзүм эле үйдөн жасатып келем, мен барайын анда. - Врачка сүйлөшөйүнбү?

- Жок, тим эле кой аке, жандалбастаган менен эч пайда болбосун билип эле турам, көзүмдүн тирүүсүндө тирүүсүнөн да, арбактан да кечирим сурасам болду, өлүмдөн коркпой калдым.

- Кой аракет кылсаң айыгып кетесиң, үмүтүңдү үзбөй кудайдан тилен да!

- Үмүтүмдү үзбөй канчадан бери далбастадым, качан гана айла кеткенде сизге кабар кылдым, талаада өлүгүм калбасын деп. Эми өлсөм арманым жок! - Сайна сүйлөгөндөн тажагандай ары карап жатып калды.

- Кой антпей аракеттен, мен барайын ээ?

- Жакшы барыңыз. - Сайна алсыз үн чыгарып кала берди.

Осмон айткандай эле бир козу сойуп этин түгөл алып келип ооруканадагыларга куран окутуп берди. Жети күн куран окутту. Ал эми Сайнанын жарасы ылжырагандан ылжырап жанын койбой кычышып үнү кудайга жетип жатты. Айыгаар оорунун дабаасы өзү табылат эмеспи, жашоодон үмүтү үзүлүп: "Айланайын кудай, ала турган болсоң кыйнабай алчы" деп күнү-түнү уйкусу качып ойлонуп жатып жаны көзүнө көрүнгөндө Зинаны эстеди: "байкуш кандай гана кыйналды экен, жаным кыйналбаса анын кандай азап тартканын билмек эмесмин, эми кантип калды, бети күйүп калгандыр, татынакай жүзү тырык болуп калды го?" деп боор ооруп жатты. Бир күнү ошол ооруканага жашы элүүлөрдөгү молдо ооруп келип калды. Ары-бери өткөндө Сайнанын былк этпей жатканын көрүп кирип анын жарасын, чымын конуп кыйналып турганын карап:

- Кызым, бул дарт менен качантан бери ооруп жүрөсүң? - деди.

- Үч ай болду, айыгаардан үмүт үзүлдү ава.

- Жок кызым, сен биерден чык, мен сени жети жолу дем салып эле айыктырам, оору өтүшүп кетиптир, болбосо үч дем салуу менен айыкмак.

- Ишенбей калдым го ава, кыйналып бүттүм, рахмат сизге көңүл улаганыңызга, - Сайна көңүлдөнбөй турду.

- Өзүң бил кызым, эгер макул болсоң жети күн дем салганда бул жаралар өзү эле күбүлүп калат эле…

- Бул ооруну өзүм тилеп алдым, кудайдын мага берген жазасы ушул болду.

- Жок айланайын кызым, мен сени айыктырам, сен тил албасаң, дагы жети жыл ушинтип жатасың.

- Койчу, жети жыл дейсизби, өлбөй элеби? - Сайна чоочуп кетти.

- Ооба, бул оорунун ошондой сыры бар, сен арбактарды, тирүүлөрдү да нааразы кылыпсың.

- Ава деги эмне кылайын, кыйналып жаткыча тезирээк өлсөм болот эле… - ал ойлуу көз жашын агызды, - сөзүңүздө калет жок ава…

- Өлүмдү ойлобой илдеттен кутулууну ойлон! - молдо эшикти көздөй басты, - Ойлон да жообун айт, - чыгып кетти.

Суусу чыгып эзилип турган жарасы кийимдерине жармашып, кычышканда тырмаса канап, бир жагынан күн ысык болгондуктан чымын конуп аны жүдөтүп жатты. Колуна жоолук алып чымынды эптеп коруганы менен кычышканы жанды кашайтып ыйлап кирди: "Кудай ай, деги алчу болсоң тезирээк алып кетсең болот эле, курган жаным кыйналды го, эми айыгып тирүү жүргөндө баягыдай өңүм жок кантип басып жүрөм?" Акырындап молдонун айтканына көнө турган болду: "Эмнеге баш тартып жатам, жети күн эмне бат эле өтүп кетет, айыгып кетсем эле болду" деп бир чечимге келди. Осмон келгенде ага аны айтты эле ал:

- Анда үйгө алып кетейин, молдо менен өзүм да кеңешип көрүп анан сени алып кетем, - деп чыгып кетти.

"Жеңем мени киргизбей койсо канттим, экөөнү жаман-жакшы көрсөтпөй квартира таап ошо жерге алып бар дейин" деп өзүнчө сүйлөндү Сайна. Көп кечикпей эле Осмон келди да:

- Сайна сени айыктырам дейт, кой карындашым, сен баягыдай көктүгүңдү карматпай жүрү, мен эми врачтар менен сүйлөшүп сени алып кетейин, - Осмон сүйүнүп алган экен, - кыйналдың садага, мен да уккам молдолордун дем салганы көп ооруну айыктырат деп.

- Аке, - Сайна ыңгайсызданып туруп ички ойун айтты. - Аке, сиз мени үйгө алып барбай эле квартира табыңыз да, түндөп алып барып койуңуз, жеңем да ооруганда келгенимди жаман көрөт го?

- Ал жаман көрбөйт деле, бирок чын эле… - деп Осмон ойлонуп калды да, эч нерсе айтпай чыгып кетип, эки-үч сааттан кийин келип Сайнаны чыгарып кетти. Ошол күнү кечинде Осмон молдону алып барып үчөө чогуу отурушту Сайна болсо өз арбайын согуп жан алакетке түшүп кыйналып жатты. Квартиранын үч айлык акысын төлөп, төшөнчү менен бирин-серин идишти Осмон алып келди. Ошентип молдо ага дем салууну баштады, үч күн бойу даарат алып, намаз окугандан кийин дем салып жатты. Сайна төртүнчү күнү кичине жаны жай алып уктап кетти эле, түш көрдү: "Кызым, мынча неге кыйнадың, сенин жүгүңдөн атаң экөөбүз да кыйналып жатабыз, эгер келсең биз менен жолуга албайсың, арам иштерди жасап койдуң, эми намазды жакшылап үйрөнүп оку, калп сүйлөбө", дейт, анда Сайна: "Апа эмнеге антип жатасың, мен кыйналып жатам, андан көрө мени ала кет, силердин жаныңарда болсом мага жеңилирээк болоор беле?" Сайна ыйлап энесин көздөй жүгүрөт. Ошондо апасы: "Кайт артыңа, алдагы ыплас колуң, арам ишиң менен бизге кошула албайсың, кайт, токто ошол жерге! - деп колун тээ ары жакка жаңсап: "Карачы, биз тээтиги жайдабыз, аякка ыплас иш кылгандар барбайт", деп арылап жөнөйт. Ошондо Сайна болбой эле жүгүрүп баратып апасын таппай чоң жолго келип калганын байкабай калат, негедир бир аппак машина анын жанына токтоп Сайна кантип машинага түшкөнүн билбей калат. Ойгонуп кетсе сергилең тартып калыптыр. Уйкусурап бир аз жатып беттерин сыйпалап көрсө күндөгүдөй ачышпай, кичине каткансып калыптыр, ал беттери жара болуп кеткенден бери күзгүгө көрүнбөй калган эле, ордунан акырын турса өзү жеңил болуп баягы жармашып турчу жаралары чындап эле катайын деп калыптыр. Аяр басып барып сумкасынан күзгү алып көрүнсө суу чыгып турган жара кургап калыптыр. Анын жүрөгүн сүйүнүч каптап толкунданып кетти: "Оо кудай мен айыгат экенмин, кечире көр жараткан, пендеңдин аз айып, көп күнөөсүн, экинчи бирөөгө жамандык кылып калп айтпай тынч жашаймын" деп кубанычтан күлүңдөп турганда молдо келип калды:

- Кызым, бүгүн көөнүң ачык го?

- Ооба аба, сизге ыраазымын, өчкөн үмүтүмдү жандырдыңыз, жаралар карттанайын деп калыптыр!

- Кана? - Молдо анын бети-колундагы жаралардын карттанып калганын көрүп өзү да кубанычтуу жылмайды. - Охоо, демек жакшы жылыш бар экен, күчүм жетпей калдыбы деп корко баштадым эле, кичине өтүшүп кеткен тура, эми коркунуч жок, - деп дагы дем салууга киришти. Ал дем салганда өзүн да унутуп койгондой, теспесин тартып атып улам, "сүф-фф" деп койуп көзүн жумуп отура берет. Ооба, ошол " сүф-фф" этип үйлөп койгонго оору айыгып кеткенине биз адамдар анча ишене бербейбиз, качан гана өз көзүбүз менен көрүп, башыбыздан өткөргөндө илимдин, врачтын алы жетпеген ооруну айыктырганына ишенип калабыз. Сайна акырындык менен айыга баштады. Айыккан жаранын ордулары так болуп, баягы сулуулугунун изи калбады, ал ошого кайыл, жан кыйнаган азаптан кутулганына ыраазы болуп, молдону сыйлап, ар жасаган тамагына куран окутуп турду. Күлчоро анын түшүнө дагы кирди. Ал жаңы эле көзү илинип кеткенде аппак кийимчен бирөө аны кубалайт, Сайна качып жүрүп бир жерге келсе аерде Күлчоро отуруптур, ал аны карап: "Сайна мен кыйналып жатам, аба жетпей тумчугуп баратам, келчи жаныма, периштем менин, келчи" деп колун созо кубалайт, Сайна: "Жок, жок, сен эбак өлгөнсүң, мен сага барбайм!" деп качып баратып ойгонуп кетсе жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй болуп кагып жатыптыр: "Капырай бул эмнеси, кан куткарбайт деген чын окшойт, мени ала жатабы, жок-жок, эгер алса ооруп жылбай калганда алса болмок, эми айыгып калганда?" деп ого бетер жүрөгү түрс, түрс этип туйлап жатты. Молдо келгенде ага айтты эле ал ага:

- Сен коркпо, эртең менен эрте туруп чыныга суу куйуп алып башыңа үч тегеретип туруп чачып жибер да артыңды карабай үйгө кирип келатып жакшы ойлорду ойлон, анан түш адашат.

- Эмнеге эле жаман түш көрүп жатканымды билбейм аба, жарадан өлөм го деп жүрдүм эле, эми эмнеден өлөөрүмдү билбей чоочуп жатам.

- Чоочуба кызым, кудай жардам кылсын, - Молдо акыркы демин салып туруп анан биротоло кетээрин айтты. - Мен эми кетем, сен жакшы болдуң, көөнүм тынчыды.

- Ыраазымын ава, - ал күн мурунтан даярдап койгон белек бечкегин көтөрүп чыгып үстүнө чапан жаап, бир сыйра кийим, калпак кийгизди да: - Аман болуңуз ава, эки дүйнөдө ыраазымын, канчалаган укол дарынын алы жетпеген ооруга сиздин "сүф-фф" деп эле койгонуңуз эм болду.

- Эч нерсе эмес, жакшы тур кызым, ден соолукта бол! - Молдо коштошуп чыгып кетти.

- Жолуңуз болсун, мени шорумдан арылткан бейтааныш адам, - Сайна шыбырап алды.

Осмон эки күндүн биринде тамак-аш алып машинасы менен келип кетет, кетеринде колуна акча берет. Бүгүн да эки-үч килодой эт, май, сүт, койчу деги, баарын алып келиптир. Сайна агасына ыраазы боло тосуп алды. Бир топко чейин кобурашып отуруп кетти. Сайна агасын узатып анын машинасынын карааны үзүлгүчө карап туруп: "Бир туугандан башка күйбөйт тура, жеңем деле келип койсо болот эле го" деп ойлонуп алып улутунуп койду: "Агам аман болсун менин багыма". Сайна кадимкидей айыкты, бети ала оору менен ооругандай болуп аны серт көрүнтүп, кээ адам көргөндө селт этип алат. Азыр Сайнаны көргөн тааныштары тааныбайт эле. Күнү, түнү окуп жүрүп беш маал намазды үйрөнүп, жеңи узун көйнөк-ыштан кийип, башына жоолукту чүмкөй салынып, көзүнө көзайнек тагып алып өз тиричилигин кыла баштады, бирок баягыдай төлгө салып, анча мынчаны калп айтып алдаган жок. Тек гана жалгыз тирлик кылып жүрдү эле, эми жүрөгү оорукчан болуп кетти. Уктап ойгонсо же өзүнөн-өзү жүрөгү "солк" этип анан дикилдеп баштайт. Врачтарга барып дагы дары иче баштады. Ага врачтар: "Ойлонбо, көп ойлонгондуку" дешти. Ошондон тартып жүрөгү ооруганда валерианка иччү болду. Жазмыштын сырын көр, көр оозунан кайткан бечара кайрадан оорунун азабын тартып акыры ошондон мерт болоорун сездиби же сезбедиби, айтор үйүнөн чыкпай кайра жатып калды. Дал ошол күнү Осмон келип кеткен. Ал келгенде Сайна жатып алган, Осмон карап көрүп:

- Эмне болду, өңүң жаман? - деди чочулай.

- Ээ аке, билбейм, эми жүрөк оору жармашты, эми мындан өлбөй кутулбайм го? - деп ыйламсырады.

- Кой кейибе, эртең келип врачтарга көрсөтөйүн, - деп ордунан туруп кетти. Сайна жалгыз, бир аз валерианка ичип эс алып көзү илинип кетиптир, элес-булас апасынын элеси көрүндү: "Апа-аа", деп Сайна ага жүткүнгөндө ал жоктоп, "кызым сен бизге кошулбайсың дебедим беле, сенин жасаган ишиң үчүн атаң экөөбүз аябай кыйналдык, сен тээтигилерге бар, ошолорго кошул, бизге жакындаба, атаң сага нааразы!" деп ары көздөй кетип баратып көрүнбөй калды, Сайна апасы көрсөткөн жакка бет алды, бир кезде анын кайдан-жайдан илгери бир асынып өлгөн кошунасынын баласы, киши өлтүрүп койуп камактан өлгөн агасы, дагы-дагы көп тааныштары жүрөт, алар аны тегеректеп алыптыр, Сайна качып чыгайын деп чыга албай арбайган, тарбайган колдордон бошоно албай жатып ойгонуп кетти, Ал ойгонгондо түн бир оокум экен. Жан талашып валерианка издеп таппай жатты, көптөн кийин эстеди ал дары түгөнгөнүн, эртең алып алаармын деп ойлогон болчу. Ошентип жатып дарысы жок, эшикке чыгып ары-бери басып жатып кайра күчөдү, шайы кетип башка дарыдан ичсе эч таасир бербей отура калды, анан көзү тунарып жыгылып калды, ошол бойдон турбады... Бечара ошентип: "аңдыган оору алмайынча тынбайт" дегендей чымындай жаны учуп жалгыз бөлмө батирде сулап жатты...

Эртеси эрте келген Осмон Сайнанын жансыз денесин көрдү, ачуу айкырып алды, анан акырын машинасына салып алды да үйүнө алып кетти. "Уй мурдун сасык деп кесип таштабайт" дегендей, ал аны аруу жууп, ак кепиндеп көмдү. Ызаат сыйын жасады. Бир туугандык милдетин актады. Сайнанын өлгөнүн угушкан Сталбек менен Мамбет келип бата кылып, Осмонго көз көрсөтүп кетишти.

х х х

Сталбек менен Бекболот ысык кудалардан болуп бат-бат катышып калышты. Сара балалуу болду. Жээнтек беришти. Ошол арада Токтосун аларды чакырып, ал эми Бекболот болсо Маринаны биротоло төркүлөтүп келмей болушту.

Токтосун абдан жакшы турат эле, Аптакан аялдардын узу. Үйүнө кирсе чыккыс, баары кол менен кооздолуп жасалган буйумдар, түрүн, бойогун айт. Алар келгенден баштап Токтосун менен Аптакан эшикке чыкпады, кудалары менен сүйлөшүп отурду. Булар менен кошо Сталбек да бар эле, Айнурага окшош кыздарды көрүп ичинен түтөп жатты. Уланды кыздары ээрчитип ойнотуп жүрүштү. Токтосун эшикке чыккан жээнин кашка кунанга мингизип:

- Уулум, ушуну сага бердим, шаарыңа алып кет! - деди чын пейилинен.

- Чынбы, мага бересизби? - Улан ишенбей таятасын кубана карап сурап койду. - Атама айтам, алып кетели дейм ээ? - Он жашар баланын көңүлү ойунда эмей, алпештеп багып жаткан атасы турса, бирөөдөн жаман сөз укпаса эмнени билмек эле. Аны төрөгөн Айнуранын төрөлүп өскөн үйү экенин укканы менен баам салган жок.

Куда тосуу шаан-шөкөтү кайсы жерде болсо да ушул эмеспи. Уу-дуу болуп, кудаларга арак кыстай баштаганда Токтосун аларды тыйды:

- Койгула балдар, бул кудалар ичпейт, - ал Сталбекти карады, - бул сен кичине ичсең болот эле...

- Жо-оок, мен беш жылдан бери ичпейм, кыйнабаңыз. - Сталбек сыпайы жооп берди.

- Анда кой, бул жинди сууну кыстап күнөөкөр болбогула.

Дасторкондо арактан башкасынын баары бар, бапыраңдап Токтосун улам кымыздан куйдуруп, быжы, олобо, куурдак алып келип, андан кийин бешбармак келди. Коноктор кайсынысын жээрин билбей көрүп эле тойуп калды бейм. Баары ыраазы болуп отурушту. Бекболот, Эркин, Тынчтык үчөө тигил үйдө уктап калышты. Түн бир оокумда конок чыгыш кылып төшөк салынды.

Эртеси кайрадан жаңылап тамак жасалды. Ызаат сыйга карк болгон кайчы кудалар үч күн туруп, төртүнчү күнү жолго чыкмай болушту. Асылкүл болсо намаз окугандан бери өйдө карап бирөөнү жамандабай, ашыкча сүйлөбөй, келини Марина экөө унчукпай барып кайра жөнөөрдө Аптакан ал экөөнү бөлүп жай сөз баштады:

- Кудагый, биз жакында барабыз, барганда жөн барбай Сталбектин кызына сөйкө салганы баратабыз, уулубузду алып...

- Кимди апа? - Марина апасын таң кала карады: "Бизде уул болбосо кимди айтып жатат?" дегендей таңыркай карады.

- Аа-аа балам, биздин уулубуз болбосо акеңде бар эмеспи, тиги Кайрат быйыл университетти бүтүп келди, - ойлуу капа болгондой сүйлөп жатты.

- Аа-а ошондойбу, апа мага таарынбачы, - Марина апасын кучактап өөп калды. - Мен байкабай эле...

- Кызым, мен эмнеге капа болмок элем, андан көрө Кайраттын сүрөтүн Астрага көрсөтүп көндүрүп тургула бышыкулак кылып, Сталбекке четин чыгарып койобуз.

- Кудагый, жакшылык иш жакшы эмеспи, ишиңерге ийгилик каалайм, ылайым каалаган максатыңар ишке ашсын, оомийин!- Асылкүл кудагыйына чын дилинен бата берди.

- Рахмат кудагый, рахмат, эми бизде уул болбосо кайнимдин уул балдары бар, ошолорго өз балабыздай эле карайбыз. Эми кудагый жөнөгөнчө али эрте, ошо кайним даярданып жатат, силерди эшик төрүн-көрүп, даам ооз тийип кетсин деп.

- Кайрат акем жакшы ээ апа, Астра деле жакшы кыз, кээде келип кеткенде байкайм.

- Ооба, ооба Сара да жакшы, куданын кыздары баары жакшы, каршы болбойт чыгаар... - Асылкүл арсар сүйлөдү.

- Эмнеси болсо да силерден жашыраар эчтемем жок, кызым Айнуранын ордуна баласы бизден жат болбой каттап турсун деп ушуну ойлоп жатабыз, кудагый.

- Туура кыласыңар, дос айрылат, сөөк кайрылат деген тура.

Аңгыча Токтосун аларды чакырып калды.

- Аптакан баскыла, Батырбектин үйүнө кеттик, ал күтүп калды.

Чогулуп алар Батырбектин үйүнө барып орун алышты.

Батырбек Токтосундун бир тууган иниси, эки келин алып калган, үчүнчү баласы Кайрат окуусун жаңы бүтүп келип иштеп жаткан. Ал бүгүн кирип чыгып кызмат кылып жүрөт. Батырбек уулун кудаларга тааныштырып жатты:

- Ушул уулум былтыр окууну бүтүп келип иштеп жатат, үйлөнө элек.

- Оо азамат, жакшы-жакшы, - Бекболот кудалардын биринен сала бири конокко чакырып сыйлап жатканына кубанып кубаттап койду. - Үйлөнсө чогуу тойго келет экенбиз да!

- Ананчы, куда болгуча кулу бийиң сураш, куда болгондон кийин кул да болсо сыйлаш деген бар, силерсиз болбойт да. - Токтосун барпалаңдады.

Бекболот ушул учурда: "Мен балдардын тилин албай Эля менен кетип калганда бул сыйды көрбөйт элем да, акылыма эрте келип артка кайтканым жакшы болгон экен", деп ойлуу отуруп калды. Батырбектин да колунда бар, аялы шакылдаган аял экен. Төрт-беш күндөн бери жалаң эт менен кымызга карк болгон эмелер эч нерсе жей албай көк чайдан баса ичип отурушту. Кетерде кайра Токтосундун үйүнө барып анан жолго чыгышты. Сталбек ойлуу келе жатты: "Жакшы адамдар экен, Уланга бышты кунан мингизди, аны дагы бир келип алып кетээрбиз, Айнура эмнеге таарынды экен? Баса, - деп алды ал, - анын сумкасы бар эле тигил үйдө, ошону бир карап көрөйүнчү".

Сталбектин Айнура экөө жашап жүргөн үйүнө эч ким каттабай калган, ойунда ал үйдү Сарага бермек болуп жүргөн эле, Айнуранын буйумдары бүт ошол жакта калган. Бишкекке келгенден кийин Сталбек үйүнө келип айылдан келген кешиктерди, кийит кечесин, Уланды таштады да ошол үйгө жөнөдү. Ал келгенде коңшулары жакшы учурашып Айнуранын өлгөнүнө кайгырып, бирөөлөрү үйүнө чакырып куран окутту. Андан соң Сталбек үйгө кирип, орду-ордунда турган буйумдардын арасынан сумканы таап андан блокнот таап алды. Анткени анын кээде кармап калганын көрүп ойуна эч нерсе алган эмес эле. Бүгүн ошону көргүсү келди. Адегенде биринчи бетинде бир жигиттин сүрөтү чапталыптыр. Андан кийин шурудай тизилген сулуу кол жазманы окуй баштады.

"1989-ж. 12.03."

"Мен Сапарды адеп көргөндөн эле жактырган элем, сүйүүнүн мындай таттуу ачуу даамы, өкүнүчтүү сыры болоорун билбепмин, анан калса мен аны бүт өмүрүм өткөнчө унутпас болуп, таза, назик, байоо сезимим менен сүйүптүрмүн. Аттиң, анын мага бир тууган жезде болуп калаарын кайдан билдим, тагдыр ай, ушунчалык тамашакөй болосуңбу? Менин жаш жүрөгүм канап, айыпсыз назик жандүйнөм сыздап жатпайбы, канчалык унутуп, билмексен болуп ата-энеме, бир туугандарыма бара берейин дейм, сагындым, куса болдум... Кечиргиле мени ата, апа, силерди көргүм келгенде учуп жетким келет бирок..."

"Мен бир жакшы адамга жолуктум. Абдан сулуу жигит экен, жашы менден улуу, кырк экиде. Ал мага ушунчалык жардам көрсөттү, бир тууганымдай күтүп, шаарды билбей талаада калаарымда жатаканага киргизип келип жолугуп кетет, колума акча берет, абдан маданияттуу да экен. Бирок мен анын жакшылыгына жаман жооп берип ал акчасын төлөп койгон мейманканадан сойку кыздын тили менен чыгып андан качтым... Ал Касым аке мени эмне деп ойлоду экен?"

"1990-ж. 28.02"

"Кечээ күнү бир адам менен болдум, келечегим эмне болоорун билип турсам да ошол жолго түштүм, бул менин өзүмдөн-өзүм өч алып, сүйүүгө болгон таарынычым эле..."

"1990-ж.03.03."

"Үч күндөн бери төшөктө жатам, мени менен бир жолу болгон бир адам мен качып кетсем кармап алып аябай сабап, каалагандай пайдаланды, өлгүм келди, өлө албадым; анан Касым акени издеп мейманканага барып аны сурасам, "келип сени таппай дарегин берип кеткен" деди хозяйка аял. Дароо дарек бойунча издеп барып таап алдым. Касым байке мени көрүп аябай сүйүнүп кетти. Ал күнү анын квартирасында болдум, бирок мен анын адамгерчиликтүү мамилесине татый аламбы? деген суроо койдум өзүмө.

Ал суроомо өзүм жооп бере албадым. Ошентип мен анын батиринде бир жума карындашындай кошо жашай баштадым. Ал жерге жатат, мен кроватта, эч кандай тийишип же ашык ооз сүйлөгөн жок. Анан бир күнү ал менден: "Айнура, турмушка чыга элексиңби?" деп сурады. Мен ага эмне дээримди билбей көпкө үн дебей отура бердим, ал түшүндү окшойт: "Мейли, айтпасаң айтпа, жүрү концертке барып келели", деди. Мен макул болдум, экөөбүз филармонияга барып концерт көрдүк, андан кийин сүрөткө түштүк. Негедир менин ооруп турган жүрөгүмө дем берип, көңүлүмдү көтөрүп койду, батирге жакындаганда кафеге кирип пиво менен гриль жедик. Үйгө келгенде карасак саат бирден өтүп кетиптир. "Ушундай дагы жакшы адам болот экен ээ?" деп койом аны уурдана карап алып. Ошентип ал мага акырындык менен батынып сүйлөй баштады, мен жылмайып койсом, ал мени карап: "ичинде эмне бар экени белгисиз, адамдарды кызыктырган сандыктайсың, ачылып сүйлөбөйсүң" деп калды. Мен унчукпадым. Бир күнү анын атасы ооруп чакыртып ийиптир, батирдин ачкычын мага берип, колума акча берип койуп үйүнө жөнөп кетти. Ал кеткенде жалгыз эки күн жаттым, үчүнчү күнү базарга баратсам алдымдан баягы экинчи жолку клиентим кармап алып үйүнө алып кетти, ал үйдө мурун да бир жумадай жашагам, ал мени эмне кылат билбейм, атамдай болгон картаң киши, ошону кантип күйөө кылып жашамак элем, анткени ага кымындай да жүрөгүмдө орун жок!"

Ушул жерге келгенде Сталбек онтоп алды: "Да-аа, мени менен аргасыз эле жашап жүргөн тура, байкуш, арманда кетти, мен акмак аны зордоп аял кылганым аз келгенсип ажал да таап бердим, кыскасы мен өлтүрдүм, тигил үйдө эле жашай берейин дегенине болбой койбодумбу, мүмкүн өлбөйт беле?" Блокнотту ары таштап койду, андан ары окугусу да келген жок, окуганда эмне... үйдүн ичинде ары-бери басып жүрүп Айнуранын кийимдерин бүт чогултуп өрттөмөк болду да, мүшөккө салып кетээрде таштандыга таштап кетмек болду. "Бул үйдүн ачкычын Сарага берейин, аталык милдетимди аткарайын" деп ойлоп ашыкча, кереги жок буйумдарды бүт мүшөккө салып койду. Диван, кресло, күзгү, ашканадагы буйумдарга тийген жок. Кечинде үйүнө келип дале Айнура жөнүндө ойлоп жатты: "Мейли сүйбөсө, уул таап берди, мен ага азапты көп тарттырдым, көрсө жүрөгүндө толгон арманы бар туура".

Сталбек менен Бекболот жолдо жолугуп калышты да, пивоканага кирип көпкө отурушту.

- Куда, мен эки күн мурун Ош базарына жакын жердеги үйгө бардым, киши болбосо үй чаң болуп жаман болуп кетет экен. Айнура өлгөндөн бери бара элек болчумун, мен ал үйдү Тынчтык менен Сарага берип койойун деп чечтим, эртең кечинде барып ачкычын берейин, үч бөлмөлүү этаж үйдүн төртүнчү кабатында.

- Өзүң бил куда, сен үйдү берсең, биз ичин толтуруп беребиз, анда аларды тезирээк үйгө киргизип той берем?! - Бекболот кээ кээде пиво ичип койот. Анын бир аз ичип алганын көрсө балдары да урушуп калат. Асылкүл болсо: "тим кой байкушту, түрмөдө азап тартканы жетишет, эми силердин дооруңарда анда-санда ичип койуп жүрсүн" деп балдарын тыйып койот.

- Сөзсүз да, үйгө киргенден кийин той болот да, балалуу болгуча орун алып алсын, эки бала менен силер да көп бүлө болуп каласыңар.

- Ой, бо-ой куда, ошол да кеппи, балдар абдан ынтымактуу, ал кеп эмес, экөө эки жакта өз өзүнчө жашаса, тели-теңтушу бар дегендей.

- Мен да ошону айтып жатам.

Экөө кеңешип, пиво менен шашлыкка тойуп анан бөлүнүштү.

Сталбек эки күндөн кийин үйдүн ачкычын берип, аларга көрсөтүп коймокко Бекболоттукуна барды. Арадан жума өтүп өтпөй Тынчтык менен Сараны көчүрүп келмей болушуп Марина менен Сара үйдү ирээттеп, анан Бекболоттор алып берген эмеректерди жайгаштыруу үчүн барышты. Шыпырып жыйнап жаткан үйдүн жылыткычынын түбүнөн Марина блокнотту таап алды. Ачып көрүп эле эси оой түштү. Биринчи бетиндеги жездеси Сапардын сүрөтүн көрүп, анан дароо Сарага көрсөтпөй чөнтөгүнө сала койуп жумушун жасай берди: "Эмнеге анын сүрөтүн чаптап алды экен?" деп кечке ойлоно берди. Кечке дейре Эркин менен Тынчтык экөө мебель менен даяр жууркан-төшөк, килемдерди алып келип, аларды койуп, үйдү жасалгалап бүтүштү, конок тосууга даяр болуп калды. Кечинде Марина келээри менен блокнотту бекитип окуп алып аябай ыйлады: "Арманда кеттиң го бир боорум, экөөбүз айрыкча ынак элек, эмнеге мага айтпадың, атадан топурак буйрубай, жүзүңдү бир көргөзбөй кеттиң" ал ойлонуп жатып Эркин келатканда блокнотту бекитип уктамыш болуп калды.

Тынчтык менен Сара үйлүү болуп өздөрүнчө жашап калышты, Сталбек үйдүн документин Айнурадан Сарага которуп койду. Ошентип кой үстүндө торгой жумурткалаган жашоодо жашап жатышты. Тууган уругун өзүнчө, досторун өзүнчө чакырып бапыратып той артынан той берип көңүлдөрү куунак болуп өздөрүнчө бактылуу. Сталбектин көңүлү жайланып эми эки кызы турмушка чыгып бактылуу болушун тилек кылат. Астра деле жыйырма үчкө, Зина болсо жыйырмага чыгып калды. Алардын тагдыры атаны ойлонтпой койбоду: "Эми ушул экөө ойдогудай күйөөгө тийип жашап кетсе апасынын керээзи аткарылат эле, анан уулум али жаш, онго чыкты" деп ойлонуп уктап кетти. Түшүндө Айнура кирип жатыптыр, ал аны сумсая дал тирүүсүндөгүдөй карап: "Менин блокнотумду эмнеге алдың, өрттөп койсоң болмок", деп нааразылана сүйлөп жатыптыр, ойгонуп кетип: "чын эле аны мүшөктөргө салдымбы же ошол үйдө калса тигилер окуп койду го, байкуш ошону билип калганын" деп түйшөлүп жатып кайра уктап кетти. Ошондон кийин кайра унутуп калды блокнотту..

Кыш кабарын билгизип жашыл дарактар жайкы көйнөгүн алмашып, саргайган жалбырактар сампарлап жааган кардай күбүлүп түшүп, бут алдында сапырылып эртели кеч аба муздап калган. Деги адам баласы ысыкка да суукка да байымы жок келебиз го, ошол муздак аба чыйрыктырган кечте Астра жигити менен келе жатты. Кыздын бетинен имере кучактап келаткан Алмаз анын кулагына бирдеме деп шыбырап калды:

- Койчу Алмаз, кызыксың го, үйлөнгүчө болбойт! - Астра ага эркелей карап койду.

- Анда менин сени күтүп томсоруп турган үйүмдү көрүп кел, же ага да каршысыңбы? - Алмаз кызды сынай карады.

- Мен кечиксем атам өлтүрөт, дагы бир күнү, макулбу?

- Жо-ок бүгүн.

- Болбойт!

- Болот, мен кайра эле жеткирип койом.

- Макул, бирок тез кетишим керек, уктуңбу? - Астра Алмаздын кулагын чойуп койду. Экөө маршруткага түшүп Алмаздын үйүнө келди. Алмаз чынында жалгыз жашачу, аялы бир жыл мурун төркүнүнө кетип эки баласы менен келбей жүргөн. Үй өздөрүнүкү эмес болчу. Астраны жөн эле алдап "сүйөм" деп жан алы калбай жумушуна келе берээр эле. Ал бир чиновниктин уулу. Чөнтөгүндө акчасы бар. Ошондуктан кыздын башын тегеретип ар кайсыны алып берип көптөн бери айланчыктап жүргөн. Бүгүн максатына жетүүнү ойлоп үйүнө ээрчитип келди. Астра үйдүн босогосун аттап кирип эки жагын карап: "Жакшы үйү бар экен, өзү абдан тыкан, таза окшойт, аял кишинин колу тийгендей экен" деп ойлоп:

- Алмаз, мен кетишим керек, атам мени өлтүрөт, эгер мен кечигип барбай калсам жумушума чалып дүргүтөт, - деди кабатырлана.

- Жаным го менин, сенин ушул турпатың мени эзип жиберет чиркин, көздөрүң өрттөп ийди, - деп сугалактана өөп жатып оозунан өөп, соро баштады. Бир аз каршылык көрсөткөн менен жагымдуу сезип, өзүн колго алалбаган Астра да туруп берди. Алмаз анын тилин соруп жатып жамбаштарын кармалап, анан мойну башын, көкүрөгүн өпкүлөп жан талашып кирди. Жашы жетип калгангабы же өбүшүүнүн жагымдуулугу аны эритип койдубу Астра:

- Алмаз, кетейинчи? - деп шыбыраган менен анын эркинде болуп берди.

Көпкө тике туруп өбүшүп, бир кишидей денелери биригип туруп кыздын шалдая баштаганын сезген Алмаз аны диванга көтөрүп барды да кучактаган бойдон көкүрөгүн ачып төшүнөн өбө баштады. Жедеп сезимге алдырып, ырахатка балкыган кыз унчукпай анын эркинде болду. Акыры мындай иштерди далай жасап, кыздардын жетер чекитин билип калган Алмаз эми чабуулга өтүп, Астранын кыска юбкасын өйдө кылып сандарын кармалай баштады. Төшүндөгү тарткычын эбак эле жылдырып бөрсөйүп турган, эркек колу тийбеген кош алмасын өөп киргенде Астра аны түртүп туруп кетүүгө камынды эле аны Алмаз тургузбады.

- Койчу жаным, тийбейм, мына өбүшүп эле бир аз жатып туралычы.

Ал кайра оозунан өөп тилин соруп киргенде Астра чындап берилип өзү да кучактап, колдору далысын сыйпалай баштады. Ошондо Алмаз дароо юбкасын түрө койуп колун турсийине сойлотту, кыз ого бетер чыдамы кетип калганда үстүнө чыкты да ишин баштады. Кыз ооруксунуп барып тим болду. Ошентип кыз атынан жаңылды, көпкө чейин мелтиреп жатып анан ыйлап жиберди.

- Алмаз мен эми эмне кылам, кыз атыман жаңылдым, эми эмне кылам?! - эчкирип жиберди.

- Астра, мен сага айтпадым беле, мен сени алам, сөзсүз алам жаным, эч коркпо, азыр эч нерсе билгизбей эле үйүңө бара бер, мен үйдөгүлөргө кеңешип анан алып кетем, жаным, капа болбочу? - Алмаз аны жаткан жеринде уйпалап өөп койду.

Астра кийинип алып жолго чыкты, көкүрөгүндө ыза, жүрөгүндө толкундануу бар, ал күнкү ырахатты эстегенде жылмайып жанында узатып бараткан Алмазды карап койду да, ага ыктай ийнине башын жөлөп кетип жатты.

Ал келгенде Сталбек ойгоо эле, эшикте сигарет чегип отурган, дарбаза ачылганда эле утурлай басты:

- Кызым, мынча не кеч калдың, санаа тынбайт экен, эмне болду деп тынчым кетип жатты эле ырас болбодубу? - ал эч нерседен капары жок кызынын чачынан жыттай үйгө карай басты, - мынча кеч калбай жүр садага!

- Ооба ата, мен бир аз кыздар менен сүйлөшүп эле туруп калдым… - Астра ушуну зорго айтты да үйгө кирип кетти. Эси дарты Алмазда болуп турду. Анын ушундай сезимге кабылтып, ырахат тартуулаганына азыр кымындай да нааразы эмес эле: "Баары бир мени сүйөт, үйлөнөбүз" деп ойлоп эртеңки тагдыры эмне болоорун билгиси да келбей ошол ырахатты дагы да көргүсү келип Алмазды эңсей баштады: "Жана келбей эле койбой, атама "кыздардыкында болдум" деп койот элем да, мен эми жаш эмесмин" ушул ойду ойлогондо эс ала түшүп, Алмазга болгон сүйүүсү артып, өзүнчө кыялга батып уйкуга кирди.

Анын тагдырында бурулуш болгону турган. Токтосун менен Аптакан иниси Батырбек аялы, баласы Кайрат болуп Бекболоттун үйүнө түштү. Асылкүл, Сара болуп бир үйдө сүйлөшүп жатышты. Сара Кайратты көрүп: "Жогорку билими бар, өң-түсү жакшына жигит экен, Астра жактыраар бекен, барганда аябай мактап келишти эле, колунда бар немелер окшойт" деп атасына телефон чалып койууну туура көрдү. Сталбек Сара айтканда бир азга түшүнө албай дел боло туруп калды. Анан ойлонуп: "Кызымдын жүргөнү башкача болуп калды, бала түзүк эле көрүндү эле, эмне болоор экен, эмнеси болсо да", деген ойдо тымызын камына баштады. Адегенде Токтосун менен Батырбек келди. Келген жайын айтып, кыз менен баланы жолуктуруп анан ишке ашырмай болушту. Муну укканда Астра секирип кетти. Алмаздын келбей калганына чүнчүп, санаа тартып жүрсө да жолоткусу келбеди. Сталбек ага өзү айткандан тартынып жеңесин чакырып айттырды. Илимбек менен Күмүшкан келип алар менен да кеңешти.

- Жакшы жер, баласы дурус болсо багын байлабайлы аке, кыз бала акыры күйөөгө чыгат, өмүр бойу атанын төрүндө калгылык кылбасын, - иниси ойун айтып бактылуу болушун каалады.

- Күмүш айланайын, сен Астраны үйдөн алып чыгып тигилер менен жолуктуруп көр, бала билимдүү, жакшы эле жигит көрүнгөн, эгер аны жактырбаса зордоп бералбайм, - Сталбек келинин карады.

- Азыр эле алып кетебиз дешеби?

- Жо-ок, сөйкө салды кылып койолу, анан жаңы жылдан кийин алып кетебиз дейт.

- Анда эле мен баланы көрөйүн, жакса мен көндүрөм, жашы жыйырма төрткө чыкты, ушундайда орун очок алып калса сизге да бизге да жакшы, куда-кудагыйды жакшы жерден күтсөңүз, жүрөгүңүз тынч, жүзүңүз жарык болот, тиги кыз мына өзү менен өзү болуп калбадыбы!

- Ал го туура дечи, кеп Астрада болуп жатпайбы, макул болобу же терс бурулуп басып кетеби?

- Аны мага койуңуз! - Күмүшкан бул ишти колго алмак болуп Астраны күтүп отурду. - Алар качан келишет?

- Эртең жездеси экөө келет, Эркин ага мактап койсо керек.

- Эми, кызды ошентип, биринен-бири себеп болуп эле күйөөгө кетет да аке, - Илимбек акесине күлө карады. - Ойуңузга койсо бирин да колуңуздан чыгарбай эле алып жүрө бергиңиз келет, кыз бирөөнүн бүлөсү деген чын экен го?

- Ошентсе да… - ушул учурда дарбаза ачылып Астра кабагы бүркөө кирди. Баш ийкеп ага-жеңеси менен учурашкан болуп үйгө кирип кетти. Анын көңүлү чөгүп, Алмаз келбей койгонго капаланып жүргөнүнө бир айдан өтүп калган эле. Жакындан бери жүрөгүнө эч нерсе барбай, көңүлү айныганынан узиге барып көрүнсө бойуна бүтүп калыптыр, дал ушул бүгүн ал өзүн-өзү асып өлтүрмөк болуп келген эле…

Күмүшкан анын артынан кирип:

- Астра, бүгүн биздин үйгө барып келчи, кара жаным, акең бир жакка барат, жанагы лакылдаган балдарым болсо түндөсү араң келишет, соксойбой сени ала кетейин, андан көрө биздикине эмнеге барбайсыңар ыя? - Ал Астранын жүзүнө тигиле карап, анын бир купуя сыры бар экенин туйду Күмүшкан.

- Жок жеңе, барбайм! - Астра көңүлкош кийимин чечип жатып жооп берди.

- Эмнеге мындай суз болуп кеткенсиң, жадырап эле жүрчү элең го?

- Ооруп жатам.. - Астра жатып алды.

- Опе-ей, бул эмнең, атайы улуу башым менен сага келсем сен мени сүйбөй жатып алганың? - Күмүшкан таарына сыртка карай жөнөдү, - бөлөктөн көрө өз эмеспи, жаныма жатып кетсин десе…

- Жеңе! - Астра жаткан жеринен тура калды, - мага таарынбаңызчы?!

- Эмнеге таарынбайм, атайы келип сенин кабагыңдын кар жааганын көрүп кагуу жеп жатсам.

- Эми жеңе, кээде ошондой да болот эмеспи, - Астра жеңесинин көңүлүн кыйбай өйдө болуп келатып, башы айланып окшуп жиберди. - Ашказаныма суук тийип калыптыр, ооруп жатам, жеңе! - Астра уялганынан муну айтты да: "билип койду, эми эмне кылам?" деп берилип кеткенде Күмүшкан аны дароо эле билди. Бирок сураганга али эрте эле, азыр сураганда өзүн-өзү күнөөлөп жаткан эме кыйкырып-өкүрүп уруша кетмек. Ансыз да окшуп ийгенине жини келип өзүн каргап жатты: "Алмазга не ишендим, мени сүйөт экен десе анын курмандыгы гана болгон турбайынбы, ай кудай ай!!!" ичтен сызып телмирип туруп калганда Күмүшкан анын жанына келип, чачынан сылагылады:

- Сага балекетке таарынамбы кызыкем, эркелеп койдум да, жүрү тигиндей отуралы, эмне бирөөнү сүйүп калгансың го?

- Жок, аны кайдан билдиңиз? - Астра жеңесин таңдана карап калды.

- Аа-аа садага, мен кыз болбоптурмунбу? - Күмүшкан аны ойлуу карап карегиндеги кайгысын сезип койду: "Бул соо эмес, жаңылып алган экен, шордуу кыз ай!" ичинен буларды ойлогон менен баары бир сыр айтаарын билип турду. - Кана айтчы, жактырганың болсо айт ачыгын.

- Эч нерсе болгон жок, эч кимим деле жок.

- "Жок, жок" деп эле жеңеңе сырыңды айткың келбей жатат го? - Күмүшкан сырдуу жылмая карады Астраны, - айтпасаң да көзүңөн көрүп, билип турам.

- Эмнени? - Астра чоочуй карады.

- Бирдемени билип турам, өзүңдү айтсын десем сыр билгизбейсиң тим эле.

- Жеңе, кайдагы сырды айтасыз, ашказаным ооруп өлгөнү жатсам. - Астра ага таарынгандай отурган жерине чалкасынан жата кетти. - Айтсаңыз, менин көзүмдөн эмнени көрүп жатасыз? - Ал башын көтөрө чыканактай калып сурады.

- Айтпайм, сенде чынын айтсам абдан олуттуу ой, санаа турат.

- Аны кайдан деп түшүнсөк болот?

- Кыздар жолунан адашканда, чытырман токойго кирип алып адашып чыга албай далбастаган койондой болуп калат.

- Мен ошондой болуп турамбы? - Астра жеңесин карап жылмайып койду. - Сиз аябай баамдуусуз го?

- Кыркка бекер чыктымбы, болоор болбос нерсеге баам сала албасам.

- Кызык, - Астра кайрадан чалкасынан жатып алып ойлорго жетеленди: "Кыйын баамчыл экенин билбепмин, айтып берип кеңеш сурасамбы? Жок, жок болбойт". Ал ойунан баш тартты.

- Астра! - Күмүшкан аны сырдуу карап кебин улады. - Сага бирөөлөр сөйкө салганы жатыптыр!

- Уккам, - Астра кайдыгер унчукту. - Эмне сөйкө салам десе эле сала берет бекен, же жолдо жаткан кыз бар бекен: - Астра ичи тызылдап: "Каап, кайдан да Алмазды издеп үйүнө бардым эле, болбосо анын келген-келбегенине таарынбай күтө бермекмин, же атам макул деп берген жерге кете берет белем?" деп ойлонуп жатты.

- Ой ошо талаада жатпаган кыз деп кадыр-барк менен кафеге сөйкө салабыз деп чакырып жатат да, эгер көчөдөгү кызды алып кетсе ошентмек беле?

- Болуптур жеңе, шаарда кыз көп, сокур же акылсыз болбосо кадам сайын кыздарга чалынып, чекесинен чертип алат, мен ага бара албайт экенмин!

- Мейли эми, өзүң билесиң да, бирок тигил жигит жогорку окуу жайын бүтүп, мугалим болуп иштеп жатыптыр…

- Эмне болсо ошо болсун, кызыктырбайт анын ким экени.

- Ой, оой, сен бир чоңдун уулуна чалынгансың го?

- Чынын айтсам эч кимге чалына элекмин. - Астра сыр билгизбей сүйлөп жатты. Бирок жүрөгү түпөйүлдөнө тынч ала албай туруп отурду. Күмүшкан да: "Эмне кылсаң ошо кыл, тим койсо кайкалайт эле кайкалайт, керек болсо жүгүрүп жүрүп тиесиң мен тиймек белем", деп тултуя отуруп калды. Экөө көпкө унчугушпай отурду да, Күмүшкан анын жанына отуруп акырын аны карады. Ал баягысынан жазбай дагы ойго чөмүлүп кеткен эле. Аны менен сүйлөшүү оңой эмес экенин сезгенден кийин кайынсиңдисин коноктоп тамак жасоону ойлоду да туруп газды күйгүзүп өз ишине киришти. Астра ойлуу жатып: "Менин эми кимге керегим бар, Сара болсо өз жолунан адашпай жүзү жарык болуп күйөөгө тийди, атамдын абийирин төккөн жок, мен болсо минтип"… деп ойлонуп жатып ыйлап жатты. Күмүшкан тамагын жасап бүтүп столун даярдап аны чакырууга жакын басып келгенде ал көзүнүн жашын куйулта нес болуп жаткан эле, аны көргөн Күмүшкан чоочуп кетти:

- Ай Астра, сага эмне болду, эмнеге капасың, жүрөгүңдү эзген санааны мен билип эле турам, бирөөгө алданган экенсиң ээ, өзүң айтабы десем дегеле ооз ачаар түрүң жок!

- Жеңе, эмне деп жатасыз?.. - Астра андан ары эч нерсе айта албай буркурап ыйлап жиберди. - Мени эмнеге антип жатасыз жеңе, менин жүрөгүмдү оорутуп, көңүлүмдү чөктүргөн арманымды кайдан билесиз?!

- Кой Астра, сен өзүңдү антип ызага алдыра бербе, ал шүмшүк ким эле?

- Бирөө жеңе, ал менден качты, мен аны сүйгөнмүн, ал мени алдап кетти!

- Андан көрө кеңешели, туруп бети колуңду жууп кел да экөөбүз тамактаналы.

- Азыр. - Астра туруп, саксайып кеткен чачтарын тарап анан ваннага кирип жуунуп чыкты. Күмүшкан ичинен: "Кайран кыз алданып калган экен, мунун эсебин табайын да эптеп күйөөгө берип абийирин жабайын" деп үйүрүлүп түшө, чай сунуп, оокат берип жатты. Үндөбөй отуруп тамактангандан кийин Күмүшкан ага акылын айтып жубатып отурду:

- Астра, күйүп-бышып ыйлап, ойлонуп өз жаныңды кыйнагандан эч нерсе таппайсың, өзүң токтоо, акылдуу эле кызсың, анан болоор болбоско алдырганың болбойт, андан көрө кана айтчы, эмне кылалы? - Астраны суроолуу карады.

- Жеңе, эмне деп айтаарымды билбей турам… - анын көзүнүн жашы мончоктоп жүзүнөн салаалап туруп айтып жатты, - кыскасы алдандым, мен аны мен сүйгөндөй сүйөт экен десем… - муунгандай тамагы кысыла түштү, - менден качып кетти, менин бир айлык бойумда бар экен!.. - үндөбөй калды: "эми эмне десең ошо де, кандай кеңеш берсең да баары бир өлөм" деп ойлонуп отура берди.

- Күчүгүм десе, сен эле бекен, "мен-мен" деген кыздар алданып эле, анан кайра жашоосу оңолуп, өзү сүйбөсө өзүн сүйгөндөр менен таанышып турмуш куруп кетип жашап жатпайбы?!

- Кантип жеңе, кантип башка күйөөгө тиймек элем? - ал жаштуу көзүн жалдырата, үмүт шооласынан жарык издегендей жеңесин карады.

- Ушинтип эле, экөөбүз бир кемпирге барабыз, ал орус кемпир, сенин бойуңдагыны опоңой түшүрөт, анан мен бир акушер-гинекологго сүйлөшүп сени таптаза кыз кылып койом!

- Койчу жеңе, жомок айтып жаш кыздарды алдагандай сүйлөйсүз да. - Ал ойлуу, жеңесинин сөзүн өзүн шакабалап, какшыктап жаткандай туйуп кетти.

- Сен андан көрө өзүңдү колго ал да, тиги куда түшүп келген жигит менен таанышасың, анан мен сени өзүм сүйлөшүп бир жума ичинде тигинден кутултам.

- Болуптур жеңе, сизге ишенем, акеме билдире көрбөңүз, анын бетин кантип карайм?

- Кыскасы мага ишенип кой, мен сага жамандык кылбайм, бактылуу гана болушуңду каалайм, макулбу?

- Макул, сиздин тилиңизди алайын.. - Астра үнсүз отуруп ойлоп жатты: "Алмаз келип калсачы, мүмкүн ал ата-энесине кеңешип даярданып жүргөндүр, чолок акылдык кылган жокмунбу?" деп андан күдөрүн үзбөй жатты.

Эртеси Астра аргасыз жеңесинин тили менен жуунуп тазаланып алды да, өзүн ирээтке келтирип экөө өзүнүн үйүнө жөнөдү. Алар жаңы эле үйгө кире бергенде каткырып сүйлөгөн Тынчтыктын үнү угулду. Астра токтоп калды, Күмүшкан үйгө кирип баратып ага көзүн кысып койду. Ошол күнү Астра Кайрат менен жеңесинин жанында жүрүп таанышты. Андан кийин Күмүшкан аны чакырып алып акылын айтты.

- Сен эми токтоо бол, азыр эч нерсе жөнүндө ойлонбо, бир гана алдыдагы жашооңду ойло да, жигитти сына, - деп бетинен өөп койуп басып кетти.

- Макул жеңе, - Астра өзүн зордоп жылмая кайра өзүн күтүп турган жигитти көздөй жай басып баратты…

Бирге басып жүрүп Кайраттын токтоо мүнөзүн, турган турушун жактырып: "Мени жактырабы, мүмкүн айнып кетээр, менин кыз эмес экенимди жүзүмдөн билип калбас бекен?" деп ойу алагды боло түштү.

Күмүшкан Астранын ишин бүтүрүш үчүн орус кемпирге барды эле, ал дароо макул болуп берээр акысын сурады. Баарына макул болгон жеңе Астраны эртең менен эрте ээрчитип анын үйүнө алып барды. Орус кемпир акушерка болуп иштеп жүрүп пенсияга чыккан. Ал өзүнүн ыкмасын колдонуп жатып Астрага минтти:

- Уколду сайдым, баарын жасадым, мөөнөтү аз убагында экен, эгер чоңураак болсо болмок эмес, үч маал, үч күн ушинтем, анан өзү эле түшүп калат, ага чейин менин үйүмдө болосуң.

- Рахмат Надя апа, сизге ыраазымын, - Күмүшкан ага күлө рахмат айтты, Астра үндөгөн жок.

Үч күндөн кийин түндөсү Астра ичим деп таңга маал бойунан түштү. Орус кемпир аны жаткырып табарсыгына муздак суу койуп анан көпкө чейин жанында отурду: "Кан кеткен жокпу?" деп кайра-кайра сурап койот. Ошентип Астра жеңесине ыраазы болуп турду. Күмүшкан ага:

- Эгер аборт жасашканда сенин кийин эне болушуң күмөн болуп калат эле, эми дагы бир ишти бүтүрсөк, анан сен эч нерседен капарсыз болосуң.

- Ыраазымын жеңе, башкасын го жасаса болот экен, жүрөк дартынан жакында айыкпайм го?

- Баарын унутууга аракет кыл, сен али жашсың, келечегиң алдыда, он гүлүңдүн бири ачыла элек кызсың!

- Аракеттенейин жеңе, Кайрат дурус жигит окшойт, ал мени жактырса…

- Эмне сенин көзүң кыйшык, мурдуң маңка, белиң бүкүр беле жактырбагандай, жактырат эле, сен өзүңдү колго алып жагууга аракеттен!

- Макул жеңе, макул. - Ошентип экөө кемпирдин үйүнөн чыгып үйгө келди. Күмүшкан үч күн дагы өзүнүн үйүнө алып жүрүп ысык тамак берип, тердетип өз баласындай карады да бир жума өткөндөн кийин баягы сүйлөшкөн акушер-гинекологго барып сүйлөштү эле, ал макул болду. Күмүшкан аны да бүтүрдү. Ошондон кийин гана Астра үйүнө барып төшөккө жатып калды. Сталбек кызынан санааркай баштады: "Бул соо эмес, бирдеме болгон, мындай эмес эле, кудай сакта, күйөөгө тийбейм деп чыр салабы же бир айыбы чыгып шерменде кылабы?" деп ойлонуп ачык эле сүйлөшүүнү эп көрүп Астранын жанына барып отурду:

- Кызым, сен мурдакыдай эмессиң, абдан өзгөрүп кеттиң, эгер Кайрат жакпаса ачык эл айт, сени ыйлатып ага бербейин, ушу баштан үмүтүн үзүп токтотуп койом?

- Ата! - Астра жаткан жеринен саксайган чачын салаалап тарап койуп өйдө болду да Сталбекти кучактап ыйлап жиберди.

- Ата, капа болбочу мага, мен жөн эле ооруп жүрөм, ушул учурда апамдын, Лиранын жогуна зээним кейип эле жаман болуп атам, Кайрат деле бирөөнүн баласы, жакпайт, жаман деп кантип айтам, сиз макул болсоңуз, сиздин жүзүңүздү жарык кылып, ыраазы болсоңуз мен даярмын!

- Оо садага кетейин акылдуум менин, менин эл караган жүзүмдү жер каратпасаң болду. Бактылуу бол кагылайын! - Ата, бала көпкө кучакташып, өз-өзүнчө ойго арбалып турушту. Ушул учурда Улан эшиктен кирип сумкасын койду.

- Үшүдүңбү уулум? - Сталбек уулун кабатыр боло карады. - Эшикте суук катуу, кыш оор болот окшойт.

- Ооба, суук өтө катуу башталды. - Астра атасын коштоп койду.

Аңгыча күткөн күн келип шаардагы белгилүү ресторанда сөйкө салуу аземи болду. Жарашыктуу кийинген Астра Кайраттын жанында өзүн бактылуу сезип күлүңдөп жеңесин карады. Ал эч кимге байкатпай көзүн кысып койду. Эки жаштын келечегине бакыт каалашып эки жак тең бир-бирине жакшы сөз, жакшы ойлорун ыроолоп отурушту. Сөйкө салууну Баатырбектин инисинин аялына тапшырышканда ал:

- Урматтуу бүгүнкү эки жаштын бактысы үчүн болуп жаткан аземдин катышуучулары, мен дагы учурдан пайдаланып ушул Кайрат менен Астранын келечегине кааларым шыдыр жол, ачык асман, түгөнбөс ырыскы, кажыбас кайрат, узун өмүр каалап колумдагы алтын сырганы салып койууга уруксаат этиңиздер?! - деп кыз-жигит отурган тарапка басып баратканда алар ордунан тура калышты. Отургандар кол чаап музыка коштоп турду.

- Бактылуу болгула!

- Ата-энеге кайрымдуу болгула!

- Кармашкан колуңар бөлүнбөсүн!

- Ынтымактуу, ыймандуу болгула! - жабыраган үндөрдөн зал жаңырып турду. Эки тараптан тең тосттор айтылып стакандар кагышып, музыка ар бирин жүрөк эргиткен сезимге балкытып, өмүр токтоп, өлбөстүк үрөнү жер үстүнө чачылгандай, ушул мүнөттөрдө баарын унутушуп, бир гана Кайрат менен Астранын атына жер жүзүндөгү жакшылыктын баары ыроолонуп жатты. Астра ушул ирмемдерди карегине өмүр бойу калтырып калууга аракеттенип, алы жетсе ушул күнгө алып келген жеңесине кандай жакшылык кылууну билбей, кубанычтан көздөрүнө жаш толо түшүп аны жан адамга сездирбей, Алмаздын таштап кеткенине өкүнүп турду. Анткени аны чын жүрөгүнөн, таптаза сезими менен берилип сүйбөдү беле? Карачы тагдырдын тамашакөйүн, сүйүүнүн таттуу даамын таттырып туруп, артынан өкүнүчтү берип мөгдөткөнүчү? Кайратты көз кыры менен карап: "Байкуш десе, менин кандай күндү көрүп жүрүп, сенин колуңа айыпсыз куштай аргасыз конуп бергенимди кайдан билдиң, эгер билсең ат чабым алыс качаар белең?" жүрөгү сайгылашып алды.

Астра ошондон кийин Күмүшканга жакын болуп кетти, ананчы ал көр оозунан сууруп алгандай эле кылбадыбы, жеңилдикке жеңдирип өзүн асып алганда эмне болмок?

Токтосун эки иниси менен Сталбектин кызына куда түшүп келгенден кийин кышында келип алып кетүүнү макулдашып кетишти. Сталбектин санаасы тынып: "Кудайга шүгүр, бул дагы ойдогудай жерге бара турган болду" деп ойлонуп Сара, Астра болуп кеңешип анын себин Күмүшканга жүктөштү. Аңгыча эле өзүнүн досу Зинаны Америкага алып бараарда миң доллар берген Калысбек Зинаны уулуна сурап келип калбаспы. Сталбек эмне кылаарын билбей калды.

- Досум, мурун дос элек, эми куда бололу, жамандашкан жокпуз, балдар чоңойду, менин Эмлисимди бала кылып ал! - Калысбек аялы экөө атайы келишкен экен. Сталбек казан астырып койуп:

- Ооба, ооба досум, жакшы жүрдүк, жакшы турдук, кечээ эле ойноо балдар элек, эми буурул чач ата болдук, бирок… - деп ойлоно түштү саамга, - бирок Астраны узатып алсам болот эле, анын үстүнө Зина али жаш, эки-үч жылдай окуп-чокуп алса болот эле…

- Ой Сталбек, бул сен мени менен куда болгуң келбей турабы дейм ыя?

- Жок, жок досум, кантип эле, мен кичине баш аягымды жыйып алсам дедим эле, сени кантип чанмакмын.

- Ага да күтөбүз, бала менен кыз болсо бир-бирин жакшы билет, мамилелери деле жакшы го?

- Досум, сенден эч нерсени аябай калайын, ал турсун ушул кызымдын кайрадан катарга кошулушуна биринчи акыл кошкон сен эмес белең?

- Сталбек, мен аны колко кылбайм, билген кеңешиңди укчу адамга айтасың, мен сени өзүм абдан сыйлайм!

- Рахмат Калысбек, кыздар чоңойуп калыптыр апасы болгондо башка эле, менин шайым ооп кыздарымды томсортуп албасам экен деп эле…

- Кыздуу үйгө жуучу келет, карыздар үйгө доочу келет деген, аяш, бул да болсо дөөлөт, сенин кыздарыңа жаман жерден чыккан жок, ушуга тобо дегениң жакшы. - Калысбектин аялы Чолпон сөзгө аралашты, - кудай буйруса Зинаны өзүмдүн кызымдай гана бөпөлөп алам, менде кыз жок экенин билесиң да?!

- Ооба, ооба аяш билбей анан, билем дечи. - Сталбек ойлуу Чолпонду карады.

- Болду досум, анда сөз бүттү, мен Астра кеткенден кийин Зинага сөйкө салам, мен да эл катары көзгө көрүнгүдөй үйүңө артистерди ырдатып, келиндерди кызмат кылдырып салам сөйкөнү, анан көп кечиктирбей эле алып кетем! - Калысбек мактанып жатты, - келатканда жолдон үйүңө чейин музыканттарды койуп, уулумдун алдына гүл төшөп киргизем, өкүл ата, өкүл апаны дароо эле дайындап ала келем!

- Кой эми мактанбай, убагында жасап кой, алдын ала айтсаң мактангандай болуп каласың. - Чолпон күйөөсүнө карап күлүп койду.

- Досум мактанбайт, мен билем Какем жасайм дегенин жасайт, тилегиңе жет дос! - Сталбек кубаттап койду.

- Мактанбай этпей эле, эмне менин айтканымды аткараарымды сен али биле элексиңби? - ал аялын оңурая карады.

- Билем дечи, айтпай эле убагында көрсөт дегеним да.

- Көрсөтөм эле! - Калысбек өзүнүн сөзүнө өзү кубана Сталбекти карап көзүн кысып койду, - бул менин оңой адам эмес экенимди билбейт го ыя?

- Чын эле билбейт окшойсуң ыя аяш? - Сталбек да күлүп калды.

Көпкө чейин тамашалашып отуруп анан алар кеткенден кийин Астраны Сарага жөнөттү. Ал келгенде тамеки чегип ойлуу отурган эле.

- Балдарыңды ала келбейт белең?

- Ата, аларды ээрчитип эмне кылам, Тынчтык үйдө, ошол эле карап турат, эмнеге чакырттыңыз, тынччылык элеби?

- Кайдан, - ойлуу үйдөн чыгып келаткан Зинаны көрүп туруп калды, - кызым, эжеңе чай кайнат, чай ичсин.

- Ата, мен ичпейм, эмнеге чакырдыңыз, мен кечикпей кетишим керек!

- Ата кокуй кызым ай, эмнеге мынча шашып, бир күнү балдарың менен келип жатып кетсең боло?

- Эки бала менен жүрүүнү ойлоңуз, Актан азыр кичинекей, экөө менен чубашып силерди да жүдөтүп өзүм да жүдөбөй тынч эле болойун.

- Мейли садага, өзүңөр менен өзүңөр болсоңор эле болду, - бул учурда Зина кайра үйгө кирип кеткен. - Менин сени чакырганым, Калысбек досум Зинаны Эмлиске бер деп келиптир, буга эмне дейсиң? Зина уга элек.

- Өзүңүз эле билиңиз ата, Зина өзү жактырсын, экөөң чечкиле!

- Деги Эмлисти жакшы билесиңби?

- Аа-аа, аны го билем, биз менен эле ойноп жүрүп чоңойбодубу, мындай айтсам дурус эле бала.

- Ошол анда… - Сталбек ойлонуп отуруп калганда Зина аларды чайга чакырды. Бирок бул үйбүлө ал арада эмне болуп кетээрин сезбеди, туйбады… Бир гана алды-арты табышмактуу тагдырдын дагы бир оор соккусу эшигин сагаалап турганын билбей, жакшы болчу тойлор жөнүндө кеңешип, анан Сара үйүнө шашып жөнөдү.

х х х

Бекболоттордун да улам ыргыткан ташы өйдөлөп, балдары зээндүү, акылдуу болду. Мирбекти ээрчитип Эркин алып жүрчү болду. Мектептен кийин гана барат. Тынчтык да валютада иштеп каныгып калды. Эрмек болсо Эркиндин балдарын ээрчитип ойнотот, сабак даярдайт, анан сабакка барат. Ал кийинки кездери күрөшкө катышчу болду. Ошол мектептен барып сөзсүз машыгууга барат. Ошол алтынчы күнү да машыгууга барган. Алардын тренери келбей калып ордуна башка бирөө келген. Эрмек ары карап туруп күрөшкө даярданып жаткан. Жаңы мугалим өзүн тааныштырып жатып эле Эрмектин кулагынын артындагы сырганы көзү чалды. Бирок эч нерсе айтпады: Өңү да эсимде калбаган, анда төрттө эле, эми бешинчи класска барып калса кантип таанымак элек, чуу чыгарбай турайын да өзүнөн ата-энесин сурап билейин" деген ойдо балдар менен алаксып, улам Эрмекти карап койот. Машыгуу бүткөн кезде балдарды таратып жиберди да, Эрмекти алып калды.

- Уулум атың ким? - ал ириде атын сурады.

- Эрмек.

- Ата-энең барбы?

- Ооба бар.

- Кайда турасыңар?

- Арча-Бешикте.

- Жакшы-ы, бир туугандарың барбы?

- Ооба, үч акем бар, эң кичүүсүмүн.

- Ата-энең эмне иш кылат?

- Алар үйдө эле, акелерим валютада иштейт.

- Макул, бара бер, - деп өзү балдардын тизмесин карап көрүп: "Бекболот уулу Эрмек" дегенди окуду да: "фамилиясы башка экен, демек сураштырып көрөйүн" деп ойлоп үйүнө жөнөдү. Эрмектин кулак артындагы сыргасын кайра-кайра элестетип атып апасынын: "Балам, көп балдарды көрөсүң, эсиңде болсун, Эрмектин кулак түбүндө бармактай сыргасы бар, аман болсо быйыл он төрткө чыгат!" дегени кулагына жаңыра берди. Эртеси да барып Эрмектин күрөшкөнүн көрүп өзүнчө ойго батып турду. "Көз карашы тааныштай, качандыр бир кезде көргөнсүйм". Ал күнү дагы балдарды жөнөтүп жиберип, аны алып калды.

- Эрмек, сенин ата-энеңе жолуксам болобу? - Эрмекти сырдуу карап сурады.

- Эмнеге? - баланын ойунда эч нерсе жок эле, чоочун адамга назар сала карады.

- Жөн эле, сенден бирдеме чыкчудай экен.

- Ошого элеби? Мен дагы бирдеме болуп кеттиби деп чоочуп кеткенимчи, - Эрмек жылмайып койду.

Экөө ээрчишип үйүнө келгенде Эрмек менен чоочун адамды көргөн Асылкүл аларды карап калды.

- Саламатсызбы эже? - оозуна салам айтты чоочун адам.

- Саламатчылык айланайын, келгиле, - Асылкүл аны бүшүркөй, мурда кийин көрбөгөн адамды карап: "Ботом бул ким болуп кетти, эмнеге келди?" деп ойлонуп кетти. Анткени ал ушул убакка чейин көңүлүнөн чыгара албай: "Жаңы эле төрөлгөндө мен байкап калган сыргасын төрт жыл баккан адамдар кантип унутсун, акыры бир таап алып абийиримди төкпөсө болду", деп күмөнсүрөп жүргөндө чоочун адамдын келиши ого бетер апкаарытып койду, - Үйгө киргиле. - Эрмекти карап. - Эрмек жеңеңе айтчы, үйгө киши келди, чай койсун! - деди да, төрт бүктөп төшөк салды, - кел, өткүлө!

- Кечиресиз эже, мен Эрмек окуган жерге жаңы эле келгем, мүмкүн болсо бир ооз сөз сурайын дедим эле?!

- Сурай кой айланайын, жай отуруп чай-пай ичкиче сураарсың, - Асылкүлдүн жүрөгү кабынан чыга дүкүлдөп: "Мына эми балээ басты, чындап Эрмекти издеп жүргөн неме экен" деп бүкү-дүкү боло, бирок эч нерседен капарсыз адамдай аны кулак түрө карап калды.

- Эже, Эрмек өзүңүздүн балаңызбы? - чоочун адам күлүмсүрөй карады.

- Апей ботом, өзүмдүкү эмей бирөөнүкү болмок беле?

- Деги да, биз мындан он жыл мурун төрт жашында бала жоготкон элек, Эрмек ошого кудум окшош экен, анын да кулагынын артында сыргасы бар эле…

- Аа-аа, ооба менин уулумдун кулагынын артында да бар, окшоштук боло берет да…

- Билбейм, балаңыздын туулгандыгы тууралу күбөлүгү барбы?

- Бар эмей, бар да ботом.

- Көрсөтөсүзбү?

- Макул, - Асылкүл ордунан туруп баратканда Эрмек кирип келди. - Уулум, метиркеңди алып келчи.

- Апа, аны мен өткөндө мектепке эжеке алып кел дегенде алып барып жоготуп алдым, айтпай жүргөм. - Эрмек күнөөлүүдөй жер карады.

- Аа-аа карангүн, эмне кылып жоготуп жүрөсүң ыя?

- Түшүп калыптыр…

- Мейли эже, мен барайын, дагы көрүшөөрбүз.

- Жакшы бар, келип тургула?! - Асылкүл бир оор азаптан кутула түшкөндөй үшкүрүп алды. Эрмек аны узатып кайра киргенде аны уруша кетти Асылкүл. - Аны эмне үйгө ээрчитип келдиң, айылдан келгем, бирөөнүн үйүндө турам дебейт белең!

- Эмнеге апа, ал жөн эле ата-энең менен таанышайын, сен жакшы күрөшөт экенсиң деп айткан.

- Мейли, бар ишиңди кыла бер! - Асылкүл ойлуу шалдая туруп калды: "Эми булар тынчыбайт, метиркени жазылганынан эле билип койот, баарын изилдесе эле билип алаары бышык, кой мен Эркин келсе айтып алдын алайын". Ушул ойлорду ойлонуп дел болуп отурганда Бекболот келип калды. Ага болгонду болгондой айтты эле ал да сарсанаа болуп ойлоно баштады. Баары Эркин келгенден кийин чечилди.

- Апа, эч камсанаба болбоңуз, алардан мурун биз озунуп аларга баралы, Эрмекти ээрчитип алып, бир сойушту сойуп бышырып туруп ата-энесине бир сыйрадан кийит кылалы, астына акча кошуп кечирим сурап баралы.

- Туура айтат Эркин, дал ошондой кылыш керек, болбосо сотко ашырып ийиши мүмкүн. - Бекболот кооптонуусун ачык айтты, - мындай ишти тез бүтүрбөсө болбойт! - "Соттоп ийиши мүмкүн" деген сөздү уккан Асылкүл "селт" этип алды. "Ырас эле мени соттоп ийсе өлдүм".

- Эртең эрте жанагы чоң койду сойуп бышыра бергиле, калганын өзүм алып келем! - Эркин сөз бүттү дегендей сыртка чыгып кетти.

Эртеси кечке жуук машинага Асылкүл менен Бекболот, Эркин, Эрмек болуп отурушту да тааныш үйдү көздөй жөнөдү. Машинадан түшүп биринчи болуп Асылкүл дарбазаны такылдатты эле көзгө тааныш, бирок тотуга түшкөн келин эшикти ачты:

- Сизге ким керек? - Бул Эрмекти баккандан кийин төрөп түшүп калган келин эле, анда жашыраак болсо эми бир топ тотуга түшкөндөй. - Мен сизди тааныбай турам.

- Сиңдим.. - Асылкүл сөздү эмнеден баштаарын билбей мукактана түштү. - Сиңдим кайната, кайненең үйдөбү?

- Аа, - аа, кайненем өтүп кеткен, кайнатам үйдө!

- Биз аларды таанычу элек, көптөн бери катташа албай… учурашып келели деп келип калдык эле, машина менен жүрөбүз.

- Ким деген болосуздар, мен атамдан сурап чыгайын?

- Койчу кызым, кире берели сүйлөшчү сөздөр бар… - Асылкүл келинге жалдырай карады, - кыргызбыз го, келген кишини тергебей эле…

Карамат: "Бул чоочун аялды кайдан көрдүм эле, кирсе кирсинчи, туугандарынан болуп чыгып уят болбойун" деп ойлонду да жылмая карап эшигин чоң ачты.

- Кириңиз!

- Рахмат кызым, мен жалгыз кирбейм, машинада белек-бечкегибиз да бар, алып кирели! - деп машинадагыларга колун жаңсады. Эркин машинаны дарбазага жакын айдап келип токтоткондо андан Эрмек менен Бекболот, Эркиндер түштү. Машинанын багажын ачып дасторконго оролгон түйүнчөктү, беш-алты чоң пакет, бир чаар сумканы көргөндө Карамат шашкалактап чөнтөгүндөгү кол телефонун алып күйөөсүнө чалды. Малик жумушта болчу, телефондон үйгө конок келди, тез келип кал деген Караматтын сөзүнө таң калды: "Жакын арада келчү конок деле жок эле, апама куран окутканы келгендер го, кой барайын" деп үйүнө шашып жөнөп калды. Ал келгенде Асылкүлдөр үйгө кирип жайланышып, алып келгендерин дасторконго жайып кемпирине куран окуп болуп бата кылып жаткан эле. Малик келип эле чоочуп конокторду көрүп баш ийкеп учурашып отуруп: "Буларды мен тааныбайт экенмин, мобу баланы бир жерден көрдүм беле. Жо-ок көрбөгөм, эмнегедир жылуу учурайт да жүзү" деп Эрмекти карап калды. Баятан бери Карамат да дал ошондой абалда болуп жаткан.

- Келген экенсиздер, мен сиздерди тааныбайт экенмин?! - Малик ар бирине токтоло карап суроолуу тигилди.

- Айланайын.. айланайын ава, мени кечирип койгула?!! - Асылкүл жоолугун мойнуна салып, тизелей калды да Кадыр карыянын бутун кучактап эчкирип ыйлап жиберди. - Мен… мен куруйун, - ушул учурда Эркин Эрмекти алып сыртка чыгып кетти. - Мени кечирип койгула?! - Он жыл мурун.. - дегенде Карамат:

- Эрмектиби?! - деп чаңырып жиберди, - жанагы бала менин Эрмегимби, ой кудай ай! - Карамат эшикке жүгүрүп чыгып эле баланы кучактап, өпкүлөп кулагындагы сыргасын сыйпалап көрүп. - Оо жараткан, көрөт экенмин ээ, сен үчүн кандай гана азап чекпедим?! - деп ыйлап жатты. Кадыр карыя да, Малик да үндөгөн жок. Карамат Эрмекти колтуктап алып үйгө киргенде баары үнсүз Кадыр карыяны карап: "Не дээр экен?" деп күтүп калышты. Асылкүл болсо колдору карыша карынын бутун кучактаган бойдон солкулдап ыйлап жатты, көптөн кийин гана Кадыр карыя ордунан козголо өйдө болуп:

- Кызым, кечтим күнөөңдү, ыйлаба, мындай жай түшүндүрчү, кандайча болгонун айтып бер?! - деди кулагын төшөй.

- Ава, мен ошондо жаман катын жаш бала дегендей бул күйөөм кесилип кетип төрт бала менен азып-тозуп жүргөм, он бештеги кызым бейбаш болуп кетип… - ал Эркинге карады, - Эрмек экөөң тигил дүкөнгө барып келгилечи! - Эркин дароо түшүнө койуп Эрмекти ээрчитип сыртка чыгып кетти, - ушул баланы төрөп мага айтпай ушул үйгө таштап койуп үйгө барыптыр, ошол бойдон кан кетип, эс учун жоготуп баратып көчөнүн, үйдүн дарегин айтты да кете берди… - Асылкүл үшкүрүп алды. - Жалгыз кызымдан ошентип ажырагандан кийин мени ал айткан дарек тынч уктаткан жок… - Асылкүл бүт айтты, болгону өзүнүн таштаганын жашырып калп айтканына кудайдан кечирим сурап жатты ичинен.

-Демек, бала сенин жээниң тура ээ? - Кадыр карыя тактап сурап койду.

- Ооба, ооба ава, ошондой, өлгөндөн калган баланы көзүмө сүртүп жүрөйүн дебедимби.

- Жакшы-ы, ошондо да ошол кызыл эт баланы багып чоңойткон адамдардын убал-сообун ойлосоң болмок эле го?!

- Кечир ава, кечир мендей акмакты, ойлондум.. - бир азга үнсүз туруп: "Эмне дегени турат, күнөөлүүсүң деп милиция чакырып салып бербесе эле…" деп күмөнсүй калды, - ойлонгон менен аргасыз элем да…

- Болуптур кызым, башында кечтим дегенден кийин мен сөзүмдөн танбайм, бирок сен үчүн эмес, мына өзүм да көр оозунда турам, ошол жаш кеткен арбак үчүн кечтим!

- Ыраазымын ава! - Асылкүл Кадырды кучактай өөп жиберди. - Катышып туралы. - Бекболот сумкадагы кийимдерди алып келди эле аны ачып чапанды, тебетейди алып Кадыр карыянын үстүнө чапанды жаап, башына тебетейди кийгизди. - Мен ыраазымын, кудай алдында күнөөлүүмүн!

- Рахмат кызым, кеч болсо да жүрөгүмдөгү түпөйүл оорудан кутултуп койдуң, балам жакшы чоңойуп жатыптыр, көрүп турам, эстүү болчудай.

Асылкүл Караматка дагы алып келгендерин кийгизип, жоолугун салды, Маликтин костюм шымын көйнөгү менен берип анан отуруп калды. Карамат менен Малик унчуккан жок, бул үйдө Кадыр карыя турганда эч кимиси озунуп сүйлөчү эмес, ал киши жактырбаса, тетири карап басып кетсе анан булардан сөз чыкпаса, ашыкча бул үйдө өзүм билемдик кылып бийлик кылуу же ашыкча сүйлөшчү эмес, Кадыр карыянын айтканындай чечилчү. Бүгүн да ошондой болду. Асылкүл айтып бүткөндөн кийин Кадыр карыя Эрмекти кучактап жыттап, чекесинен өөп, бир колу менен ойлуу кулак артындагы сыргасын сыйпалап жатып: "Мм, мейли өз каным болбогондон кийин өз элинде, өз туурунда чоңойо берсин, кокус биерде болгондо бирөө болбосо бирөө "таштанды баласың" деген сөздү айтып койсо сынып калат, андан көрө өз туугандарында болсун" деп ойлоп оор күрсүнүп алды. Малик аларды жаман көрүп ичинен милиция чакыргысы келип турса да атасынан тартынып үндөбөдү, Эрмекти ал да жанына чакырып өөп учурашты.

- Уулум, - Кадыр карыя Маликти карады, - келген конок куру кетпесин, кам көргүлө!

- Макул ата, - Малик эшикке чыгып короодогу семиз козунун бирин сойуп, Карамат экөө конок камын көрүүгө киришти.

- Жөн эле койуңуз, сиздин кечирим бергениңиз эле мен үчүн канчалык оор да канчалык кубаныч! - Асылкүл чын пейилинен Кадыр карыяга ыраазы боло айтса да укпады:

- Жок балам, мен силерди эмес, Эрмекти коноктойм! - карыя аста жылмайып койду.

Үйдө отуруп Эрмек кызыктай абалга келди, үйдүн ичи, карыя, Малик, Карамат ага мурунтан тааныштай сезилип жүрөгү уйгу-туйгу боло эшикке чыгып короодо басып жүрүп бастырмада турган эски кичинекей велосипедди көрүп бир демге туруп калды, барып велосипедди кармап көрүп анын рулундагы кичинекей коңгуроону кармалап жатып бир кезде аны өзү тээп жүргөндөй сезилип, көз алдына кино тасмадай элестер келип жүрөгү "дүк-дүк" этип кетти: "Бул эмнеси, бул үйгө мен биринчи келип жатсам муну мен кайдан тепмек элем?" ал кайрадан короонун ичин айлана басып баратып: "Баары мен көргөндөй" деп ойлоп алып ал ойунан өзү чоочуп кетти. "Мен буларды кайдан көрдүм эле?" Ошондо ал тээ бир жолу эс тарта түшкөндө көргөн түшүн эстеди. Анда Эрмек үчүнчү класста окуп жүргөн, сабактан келип эле ысыкта суусап суу ичип алып жатып калды, негедир өзү да салмактанып турган, көзү илинип кетип бир чоң короону, ушул велосипедди көрүп ойноп жүргөн экен, бул короо анын эсинен эч кетпей туруп алган эле…

Малик сойгон козунун эти бышып алдыга келгенде Эрмек Асылкүлдү карап минтти:

- Апа, мен бул үйдү түшүмдө көргөм, короону, кичинекей велосипед менен анда тагылуу турган коңгуроону дайыма көрчүмүн!

- Жөн балам, оокатыңды ич! - Асылкүл алактап калды, - түшкө кире берет да.

- А мен чын эле көргөм, ал турсун түшүмө көп жолу кирген!

- Боло берет уулум. - Кадыр карыя ушул азыр: "Ошол сенин велосипедиң да, сени тебет деп эч кимге бербей койгонбуз" деп айтып ийе жаздап араң токтоду.

- Эмнеге? Биздин келээрибизди менин түшүмө аян берген тура ээ? - Балалык байоолугу менен сурап койду.

- Ошенткен тура, балам сен көзү ачыктардын ишин-сөзүн айтпа, тынч отуруп тамагыңды ич! - Асылкүл ага кабагын бүркөй сүйлөдү.

Ошону менен ортодо тынчтык өкүм сүрүп оокат желип бүтүп, Кадыр карыянын кемпирине куран окулду. Андан кийин бата берилди. Кызуу учурашып кол алышып, коштошушту, кетээринде алар да Эрмекке гана кийим кийгизип үчөө тең өөп, кучактап кала беришти. Асылкүл жолдо келатып демин сыртка чыгара терең үшкүрүп алды. Ал жүрөк өйүгөн санаанын биринен гана кутулган эле, колунан келсе Касымга да, Үсөн чалга да акчаларын тирүүсүндө берип кутулгусу келет, бирок Касымдан ала качканын айткан эмес, туйук бойдон калды, ал эми Үсөндүн калган акчасын кайтаруу ойунда. Ушул кезде Эркин өзү алган он эки гектар жерге эки кабат кылып үй салып бүтүп калган, ортодо дача сатып алышып жайкысын эки баласы аялы менен ошол дачада болушат. Тынчтыктын да иши жүрүп үч бөлмө үйүн батирге берип айылдан кыштан салынган келишкен чоң там алып ошол жакта, ата-энесине тез-тез келип акча таштап кетип турушат. Мирлан болсо мектепти бүткөн. Эркин аны өзүнүн жанына алып үйрөтүп ордуна таштап, үйбүлөсү менен Якутияга кеткени жаткан.

Алар үйгө келгенде кеч күүгүм болуп калды. Асылкүл аларга карап:

- Токтогула, мен Эрмектин башына суу айлантып чачайын, - деп үйгө кирип чыныга суу көтөрүп чыкты да Эрмектин башынан үч айлантып туруп:

- Түкүр балам, баары артта калды, ушуну менен балекеттин баары кетсин, ишиң илгери болуп бактылуу, өмүрлүү бол! - деп чыныдагы сууну алыс чачты да андан кийин дарбазадан киришти.

х х х

Астра өткөндү көргөн түшү сыяктуу унутуп, алдыдагы бактысына бекем ишенип алган эле. Ананчы, атасынын, бир туугандарынын маңдайында сөйкө салынып куда түшүштү да. Бактысы чексиз, бүгүн жумушунан эрте чыгып Кайратка жолукмакчы болуп жолдо кыялга мас болуп келаткан. Аны кимдир бирөө колдон кармап калды, кыз катуу чоочуп кетти. Карай калса Алмаз.

- Кандайсың сулуу, тим эле эч нерсени сезбей ойлонуп келаткансың го, менин келатканымды көрсөң да көрмөксөнгө салып унутуп койгонсуң го ээ? - Алмаз аны жылмая карап бирок кекене сүйлөп жатты.

Мен кандай? - Астра оозуна сөз кирбей делдейе калды, чыныда аны көрүп чоочуп да кеткен эле.

- Эмне, өлүп калды дедиң беле, жүрөм ушул эле дүйнөдө! - Алмаз дагы эле кекете сүйлөдү.

- Алмаз, өз жолуң менен бол, сен экөөбүздүн жолубуз эки башка экен, мен эми түшүндүм! - Астра басып кетүүгө аракеттенди эле, аны Алмаз койо бербеди.

- Ээ, сенин өз жолуң каякта экен, меники каякта ыя, салып койчу ошол жолго, мен таппай калдым…

- Алмаз, мени өз жайыма кой, болбосо азыр милиция чакырам, андан көрө мени койо бер?!

Эмнеге койо берем сулуу? - Алмаз башын кыйшайта аны бир башкача караганда кыз жүрөгү болк этип алды: "Ушундан аман-эсен кутулсам үйдөн чыкпайм" деп ойлонду да аны алдоого өттү:

- Колум ооруп кетти, койо берип сүйлөшөлүчү, кана жоголуп кайда жүрдүң, мени кекеткенди койуп өзүң жөнүндө айтчы?

- Бая эле ошентпейсиңби, чойоктоп "кетем, жолум башка" дебей эле! - Алмаз бир аз жумшара түшүп колун койо берди. - Мени сурасаң түрмөдө болдум, ооба таң калсаң да, таң калбасаң да түрмөдө болуп келдим, чыгаарым менен сени көздөй учтум. - Астраны кучактай берээрде ал бойун ала качты эле болбой кучактап өбө баштады.

- Алмаз, бул эмне кылганың, жөн туруп сүйлөсөң боло, көчөдө уят эмеспи!

- Уятын урганым барбы, мен сагынган адамымды керек болсо апамдын жанында да кучактап өбөм! - деп Астраны жүдөтө күчкө салып кучактай баштаганда ал чаңырып жиберди:

- Тарт колуңду, мен сага куурчак эмесмин, адаммын, болгондо да кызмын! - ачуусу келе эмне айтканын билбей калды.

- Ыя? - Алмаз аны койо берип делдейе "чын уктумбу" дегендей кулак төшөй кайра сурады. - Эмне, сен кызсыңбы?!

- Азыр сыйың менен кетип кал, болбосо элди чакырам да милицияга салып берем! - Астра дароо эле кыйкырып кирди, ары жакта кетип жаткан милициялар аларды көздөй басканда Алмаз жүгүрүп бак ичине сиңип кетти. Кыздын коркконун көргөн органдын кызматкерлери аны коштоп барып маршруткага салып койушту: "Ал эми үйгө да келет, Кайрат көрүп калбагай эле, экөө урушуп кетсечи?" Үйгө келгенден кийин Астра ойго эзилип, карышкырдан корккон бөжөктөй чечинбей отуруп калды, ыйлады. Көз алдына Алмаздын эмелеки элеси тартыла калып мурунку Алмазга окшоштура албай турду: "Жарым жыл… ушул алты айдын ичинде ушунча өзгөргөнүн кара, бул мага жашоо бербейт окшойт, кой жеңеме айтайын да, тойду эртелетип айылга таптырбай кетип калайын". Ушинтип ойлоп алып эс ала түштү да, өзүн ирээтке келтирип, кийимин алмаштырып болуп эми бети-колун жууганы сыртка чыгып баратканда Кайрат алдынан чыкты. Ал Астранын көздөрүндөгү ыйлаган белгини көрүп, жүзү кубарып, муңдуу тартып турганына өзүн ыңгайсыз сезип кетти: "Бул менин келишимди билип туруп капаландыбы, мүмкүн мени жактырбай эле аргасыз макул болгондур, андай болсо бирөөнүн көз жашынан менин бактым ачылмак турсун капаска түшкөндөй тумчугуп өлөм го, мени сүйүп, келеримди кабак жаркып күтпөсө мага мунун кереги эмне, балким жигити бардыр…" деген ойдо колундагы үч тал гүлдү кармаган бойдон селдейе туруп калды. Астра анын босогодо туруп калганына уялып кетип үйдү карап колун жаңсады:

- Кел Кайрат, эмнеге туруп калдың, кир үйгө! - Ал өзүн зордоп жылмая сүйлөгөнгө аракеттенди.

- Кандай Астра, ден-соолуктар, мен сени баягы жерден күтүп келбегениңен биякка келгем… Сен капалуусуң го?

- Жок, жок Кайрат, тишим ооруп ыйлагам, - Астра калп айтып ийди, - эми бети колумду жууганы чыктым эле…

- Аа-аа, андай болсо мейли, мен… мен башканы ойлоп…

- Эмнени? - Астра аны ушундай бир көз караш менен карады эле, Кайрат тайсалдап кетти.

- Мм, мага жолуккуң келбей жатса керек?

- Койчу Кайрат, эмне деп жатасың, керек болсо сени келет деп жумушумдан эрте келгем, тишим ооруп эле..

- Басылып калдыбы анан? - Кайрат чын дилинен ишенип сурап койду.

- Ооба, ооба, дары койдум…

- Жүрү Астра, экөөбүз концертке барып келели.

- Жок Кайрат, мен… менин баргым келбей турат, үйдө эле бололучу ээ?

- Эмнеге, бүгүн спорт сарайда жакшы концерт болот экен, билет алып койдум.

- Мм, бекер кылыпсың, мен өзү ойун-зоокту анча деле жактыра бербейм…

- Анда макул, башка кайда баралы? - Кайрат аны суроолуу карады.

- Эч жакка, үйдө эле отуралычы, келгениң жакшы болду, - Астра ойлуу боло калып Кайратты теше тиктеп: "Менин сырымды билсең жаныма жолобойсуң го, менин ушундай тагдырга туш болгонума ким күнөөлүү? Эч ким, өзүм гана, бирок буга сөзсүз бурмалап айтып койушум керек!" деген ойдо минтип айта баштады. - Кайрат, үч-төрт күндөн бери мени бирөө артымдан сагалап ээрчип жүрөт, ошондон корком, бүгүн келе жатсам кармап алды эле, милициялардан качып кетти, мени болсо маршруткага ошолор салып койуп кетти.

- Аны таанычу белең? - Кайрат кызыга сурады.

- Жок, жок, бирок ал мени тааныгандай атыман айтып жатат, эмне кыларымды билбей калдым… - Астра ыйлап ийди. - Сен мени андан куткарып калчы Кайрат, ал өзү такыр башкача адам!

Кайрат аны бооруна кысып туруп чачынан сылап койду:

- Эч коркпо, чегирткеден корккон эгин экпейт дешет ко, мен бармын да жаныңда, эчтеме кыла албайт!

- Корком, ал өзү наркоман болсо керек?..

- Ал сенин атыңды кайдан билиши мүмкүн? - Кайрат ойунда: "Балким өзү тааныйт чыгаар, болбосо бейтааныш эле бирөө жолдо бараткан кызга тийишмек эмес…" деген ойдо Астрадан тактап сурагысы келди. - Мүмкүн мурун бир таанышкан болбо?!

- Кайрат, ал эмне дегениң. - Астра таарына түштү.

- Кечирип койчу Астра, кел башка сөз баштайлычы..

Астранын көңүлүн көтөрчү сөздөрдү сүйлөп экөө чай ичип отурганда Зина кирди. Аны көргөн Кайраттын негедир жүрөгү "зырп" этип алды. Чынында ал Астрага караганда бети тунук болуп, бир дагы тагы же сепкили жок апакай болуп каштары, иймейип жаңы чыккан айдай өзүнө жарашып, бир көргөн адамды адашып адам арасына келип калган сулуу маралдай болуп жалт каратып койор эле: "Астрага караганда аябай сулуу экен, ушуга сөйкө салганда болмок, анын үстүнө акылы да дурус көрүнөт…" деп ойлоно түштү. Астра экөө көпкө сүйлөшүп отурушканда Кайраттын ойу Зинада болуп жатты. Кеч кире баштаганда кетүүгө камынды Кайрат. Астра аны узатып чыгып дарбазадан бир аз узаганда коштошушту. Кайрат ушул азыр ага кош көңүл болгондой коомай өөп койуп жолуна түштү. Астра ал жөнөп кетип баратканда узата карап көпкө турду, ушул бойдон, бойу шыңга келген кер мурут жигитти экинчи кайрылып көрбөөчүдөй сезилди негедир: "Эмнеге айттым экен, ойунда бир кыжаалат менен кетти, эми келбейт ко, менин сырымды билип алдыбы, же арам ойлоп калды бекен, ушул жигит менин өмүрлүк жарым болоор бекен?" деп ойлуу карап туруп бурула бергенде аны баятан бери жол бойундагы дарактын түбүндө жашынып күтүп турган Алмаз шарт билектен алды:

- Ийи сулуу, жигитиңди узаттыңбы, эми биз менен сүйлөшкүң келбей калдыбы? - деп кекете карады.

- Койо бер Алмаз, азыр атам келээр учуру болуп калды, көрсө уят!

- Азыр! - Алмаз аны колдон алган бойдон ышкырып койду эле ары жактагы бурулуштан кара айнектүү машина келип жанына токтоп эки жигит түштү да, Астраны көпөлөктөй көтөрүп машинага тыгып салып дароо бурулуп чаң ызгыта заматта көздөн кайым болду. Ошол убакта коңшу үйдүн кичинекей беш-алты жашар кызы көрүп жүгүрүп Зинага барды.

- Зина эже, Астра эжени бир машинага көтөрүп салып алып кетти!

- Эмне-е, кандай машина экен, жанында Кайрат бар эмес беле, ал кошо кеттиби?

- Билбейм, өзү эле турган болчу.

- Кайда кетти? - жүгүрүп дарбазадан чыкса эки коңшу аял чогулуп туруптур.

- Ай Зина, Астраны бирөөлөр ала качып кетти, той жейбиз го буйруса, эми сен этиет бол, ала качып кетпесин, сен деле бойго жетип калдың!

- Ооба десең, байкуш Сайкал ушулардын урмат-сыйын көрбөй өлүп калбадыбы, - дешип кеп кылып жатышты.

Зина негедир жүрөгү опкоолжуп: "Кайрат азыр алып кетпейт эле, ким болду экен, Сара эжемен телефон чалып билейинчи" деген ойдо үйүнө кирип үйдөгү кол телефонун алды. Сталбек үйдөн кетээринде дайым бир телефонду койуп: "Бирдеме болсо мага чалгыла!" деп айтып кете турган. Сарага чалса, ал чоочуп кетти:

- Азыр Кайрат алып кете турган болсо айтмак, ал алып кетсе айтып кетмек да, мен Эркинден сурап билейин, атама айтпай койо тур, - деп телефонду өчүрүп койду.

Зинанын ойу алда кайда кетти: "Мүмкүн башка бирөө аңдып жүрүп алып кеткендир, анда Кайрат эмне болот?" деп ойлонуп отурганда телефон чыр этти, шашкалактаган Зина ала койуп сүйлөшүп жатканда Сталбек кирип келди да: "Ким менен сүйлөшүп жатат, жигити барбы мунун дагы, уялып калбасын" деп босогого туруп калды.

- Ало, Сара эже, ал алып кетпесе кимдер анан, коңшулар бүт көрүптүр, Астра эжем өзү Кайратты эле узатып чыккан болчу, - дегенде Сталбек кирип келди.

- Эмне болду кызым?

- Ата, атаке, Астра эжемди айнеги кара, капкара машина жанараак салып кетиптир! - зорго турган кыз ыйлап жиберди.

- Ким экен ал?

- Билбейм, эжем үйдөгү эле кийим менен болчу, Кайрат келген, ошону узатып эле чыккан…

- Ким болушу мүмкүн? - Сталбек да ойлуу эмне кылаар айласын билбей отуруп калды. Сталбектин үйүнө келгенин көргөн бир коңшусу артынан кирди.

- Сталбек, кудай буйруса биринин артынан бири кетип… кыздарыңдын сыйын көрөөр мезгилде Сайкал байкуштун өлүп калганын кара, бүгүн түндөп же эртең ачуу басар келип калат, сарсанаа болбо!

- Кеткени курусун, кудалап койгон жери бар эле да, алар эмне дейт, бир ай аралыгында алар алып кетишмек.

- Кыз буйруган жердики, насибине түшкөнүн көрөт, бактылуу болушун тиле!

- Бактылуу эле болсун дебегенде эмне демек элем…

Булар минтип сарсанаа болуп отурганда Астраны дем алгыдай кылып мурунун ачып, көзүн таңып, оозун бакырбасын деп скотч менен бекитип арткы отургучка жаткырып койуп үч жигит каткыра салондун ичин жаңыртып баратышты. Качан гана тоонун түбүндөгү бак-шактуу дачага келгенде бөлмөгө киргизип туруп анан оозун, көзүн чечип койду. Алмаз анын жанына келип айлана басып ага көзүн кадап туруп калды да:

- Кана сулуу, эми эмне дейсиң? - деди какшыктай.

- Сүйлөбөсөм эмне кыласың? - Астра аны ызалуу, заар чачкан көздөрү менен атып карады. - Өлтүргүң келсе тез өлтүрүп сал, эми ушул жерден тирүү жиберсең да баары бир өлөм, акмак!

- Эмне-е, сен мени акмак дегенге жарап калдыңбы ыя? - ал Астраны жаактан ары чаап жиберди, - балдар, чыга тургулачы, бул мени сагынып калыптыр, эркелеп жатат, кумарын жазып, өзүм да бир кумардан чыгайын, - деп кызды тооктой жулмалап чечинтип жатканда ал тыбырчылап тепкиленди эле чоң колдору менен эки бутун эки жакка керип туруп дагы ичке уруп, уруп жиберди, - жинди деген ушундай болот! - деп өзү билгендей тепселеп жатып токтой калды:

- Опей, бул кыз болуп калган го?! - Алмаз селдейе түштү, "Байкуш эч ким менен болбой жүрүп кайра кыздык байлап калган го?" деп ойлоп эч нерсеге башы жетпей турду. Астра абдан кыйналып, жаны көзүнө көрүнүп бакырып, өкүрүп жатты. Алмаз шымын бүчүлөнө туруп баратып:

- Балда-ар, мобул сулуунун эки жолу кыздыгын алдым, келгиле силер дагы бул сулууну кумардын туу чокусуна чыгарып койгула, өтө кылыктуу, жан жыргатат тим эле! - деп кыйкырып ары чыгып кетти.

Ошентип Астра үнүн кудайга жеткире өкүрүп-өксөп жатса да аны үчөөлөп түнү менен эрмектешти. Эки колу-буту байланып турганга колдору уйуп кыйналды: "Болду, бүттү мен эми тирүү жашаганда кайсы күндү көрөм, ушул бойдон атамдын көзүнө тирүү көрүнбөй, өлүгүм табылбай дайынсыз болуп кеткеним жакшы", деп ойлонгон бойдон эстен танып баратты..

Сталбектер эки-үч күн күтсө да: "Кызыңар бизге келин болуп барды" деп кулдук уруп келген адам болбоду. Ошондо гана Кайрат анын өзүнө айткан сөзүн эстеди:

- Ал мага бирөөлөр үч күндөн бери акмалап жүрөт, корком деп айткан эле, болду-болбоду аны ошолор эле алып кеткен экен, аны наркоман окшойт деди эле…

- Дайыны, дареги жок наркоманды кайдан табабыз эми, олда айланайын кызым ай! - Сталбек ичи ачышып Астраны көз алдына элестетип отурду. - Эмне жазганы бар эле, деги эмне болсо да аман-эсен келсе болду эле.

- Ата, милицияга берели, - Зина атасын үмүттүү карады. - Балким милициялар наркомандардын тизмеси, учету болсо иликтеп таап калаар?

- Билбейм кызым, мына бүгүн туура бир жума болду, бир балээ болбосо эчак бир дайыны билинмек.

Өздөрүнчө чуручуу болуп Астраны таппай жатышты. Арадан билинбей бир ай өтүп кетти. Астранын колу, бутун чечпей ошол бойдон алдына тамак койуп:

- Ич, курсагыңды тойгуз, биз сени эриктирбейбиз, сенден жадасак дагы бирөө… - Алмаз сигаретин чегип анын жанына отуруп алды. - Ачкадан өлгүчө итче ичсең да өлбөйсүң!

- Акмак, мен сендей айбан эмесмин, менин кейпимди кийип кал! Баары бир ичпейм, мен сени жек көрөм, жек көрөм, жек көрөм-өм! - деп ачуу чаңырып алды. Ошол күнү алар дагы бир кыз алып келди, аны да көз көрүнөө баса калып Алмаз зордуктады да, беркилерге өткөрүп берди…

Бул негизи бакандай чиновниктин баласы болчу, атасы ага:

- Бул дача сеники, каалагандай ойноп күл, бирок чектен чыкпа, менин атыма жаман сөз келтирбе! - деген эле.

- Ооба ата, сизге кантип сөз тийгизмек элем, - деп ичинен кымыңдап алгандан бери бул бөлмөгө эчен-эчен алсыз кыздарды алып келип кокуйлатпады. Кийин таанып калабы деп өздөрүн жаап жүрүшө турган.

- Кыскасы, өз милдетимден кутулдум, силер өзүңөр биле бергиле, - деп койуп өзү чыгып кетет да, кыздардын чучуктай чаңырган үнүнө боор ооруп да койбой жүрө беришет. Астра: "Баары бир ушулардын колунан өлгүдөй болойун, кордолуп анан тирүү үйгө барганча" деген Астра тилин тартпай жаман сөздөр менен урушуп, каргап жата берди:

- Ылайым кыздуу болсоңор кызыңар мендей болуп какшап калсын, өзүңөр менин атамдай сыздап калгыла. Алмаз акмак, сени адам экен деп сүйүп, ишенген мен айбан, сени жакшы үмүт менен күтүп жүрбөдүм беле, зөөкүрлөр, айбандар, зордукчул макулуктар! - үнүнүн барынча бакырып жинди болгон эмедей сүйлөй берди.

Алмаз сигарет түтөтүп үндөбөй отура берди, эки көзү анын көздөрүнөн жандай мөлтүрөгөн жашында, мончоктогон жашы көл болуп эки бети ылдый куйулуп мойнуна кирип жатты. Көптө барып өзүн колго алган Алмаз анын чачтарынан сылай кайдыгер сурады:

- Астра. Сен мени чын жүрөгүң менен сүйдүң беле?

- Ооба, бир кезде сүйгөмүн, жаным менен. Азыр жек көрөм, көргүм келбейт, сендей адамдан жаралган айбанды сүйгөнүмө өкүнүп жатам, каракчы, канкор!

- Жап оозуңду, ким канкор ыя? - Алмаздын көздөрү кызара туттугуп кетти. - Мени сен окшогон жалаптардын сүйүүсү кызыктырбайт!

- Ким жалап, өзүң жалапсың, алдап барып зордуктап.. Сага окшогон айбанга ишенген мен акылсыз…

- Сени ким ээрчи деди, жүрү дегенге кете берген кыздар акылсыздар!

- Убалым уктатпасын, какшап кал, жакшылык көрбө, баары бир сенин колуңдан өлөм, өлтүрбөсөң да өлөм!

- Өлө бер! - Алмаз кенебей ары басып кетти. Астра ботодой боздоп, байланган колу, бутунун жип кыйып кеткен жери ачышып кыйналып азап жеди: "Өлтүрсө өлтүрбөйбү кыйнабай, ушулар мени тирүү койуп шерменде кылбагандай эле…" деп бүткөн бойуна муздак суу куйуп жибергендей ичиркенип алды.

Арадан дагы бир ай өттү, Сталбек кызынын сүрөтүн ар кайсы жерге чаптап, милицияларга дайындап, телевизорго да берди. Бирок эч дайны билинбей койду, анын тирүү келишинен үмүттөрү үзүлүп калды. Кайрат алардын үйүнө тартынбай келип Астранын кабарын алганы Зинадан сурап калат, көпкө отурат.

- Зина, деги Астрадан кабар барбы?

- Жок, эч кабар жок, табылаарына көзүм жетпей калды. - Кыз көз жашы кылгыра жооп берет.

- Кайдан издеш керек? Деги бул Кыргызстанда болду бекен же башка өлкөгө алып кетип калдыбы?

- Кайдан билем? - Кыздын назик, муңдуу үнүнө арбалган Кайрат көпкө анын жанында отура берет, ашыкча сүйлөбөйт. "Алып качып кетсем эмне демек эле, анын өлүү, тирүүсү билинбесе канчага чыдамак элем, ага караганда мага бул өтө жагып калды, сөзсүз Зинаны гана алам!" деп ойлонуп айылга барып ата-энесине кеңешти эле, алар так секирди.

- Койо тур балам, бир дайыны билинсин, андан кийин ошого жараша иш кылабыз.

- Анын дайыны билинет деп жүрө бермек белем, анда тиги кызын башка бирөө алып кетсечи?

- Албайт, дагы бир, эки ай чыда, болбосо алып келе бер! - атасы уулун коштоп койду.

- Койсоңорчу, кайдагы жорукту баштабай, табалагандай болуп калабыз.

- Анысы да бар, чыда балам!

- Ал келсе деле эми мен аны албайм!

- Ооба, туура айтасың, аны эми эмне кылат элең, албай эле кой.

Ошентип эмне кылаарын билбей жүрдү. Аңгыча кыш бүтүп жаз келди. Сталбектер Астрадан үмүт үзүп койо албай, бирок анын тирүү келишинен ишенбей калган. Ошол күнү ал жумушка барбай үйүндө уулу Улан экөө эшиктин алдындагы жерди тээп жаткан эле. Дарбаза такылдап бир милиция баш бакты.

- Сталбек байке! - анын огород жакта жүргөнүн көрбөй үйүнө карап үн салды.

- Оов!

- Бери чыгыңыз! - Ит барбы дегендей чочулай басты.

- Оо кел иним, Сталбек аны утурлады, - тынччылыкпы?

- Ассалоому аллейкум аке, - адегенде саламдашып анан келген жайын айтты, - сиз саат тогузда РОВДга барыңызчы!

- Эмне, табылдыбы?

- Жок, барсаңыз анан… - милиционер шарт эле артына бурулуп чыга жөнөдү.

- Макул, - Сталбек турган ордунда катып калды: "Демек Астранын өлүгүн тапса керек, тирүү болсо минтпейт эле…- деп ойлоп алып чоочуп кетти: - мен эмнени ойлоп жатам, балким тирүүдүр, бир дайынын табышкандыр…"

Ошентип ар кайсыны ойлогон Сталбек Зинаны ойготуп:

- Кызым тур, кечке эле уктай бербей, мен РОВДга кеттим, Астрадан кабар алышканбы билбейм, чакырып келиптир!

- Кудай ай, чын эле чакырып келдиби ата, анда бир кабарын угат экенбиз, Астра эжем келип калса жакшы болот эле…

- Кайдан кызым, ал соо болбой калды го? - Сталбек шалкы бош үйдөн чыкты. Жүрөк сезет деген чын белем, анын жүрөгү бир башкача туйлап жатты: "бул эмнеси, кызым аман-эсен табылып кубанычка батсам экен" деп ойлоп канчалык үмүтүн жандырууга аракеттенсе да ички бир сезими аны: "дагы эле андан тирүү келет деп үмүт кылып жатасыңбы, ал эбак өлгөн" деп күнгүрөнүп жатты. Ой санаага жетеленип отуруп РОВДга жеткенин сезбей калды. Аны көргөн майор:

- Келиңиз байке, кириңиз! - деп орундук көрсөттү, - отуруңуз.

- Келдим, чакырткан экенсиңер?

- Ооба, чакырткам… - ал Сталбекти көпкө чейин карап туруп анан сөзүн баштады, - байке, сүйүнгөндөн маңдай жарылбайт, күйүнгөндөн жүрөк жарылбайт" деген сөз бар, өзүңүздү колго алыңыз, түндө бир жыйырма беш, отуздардагы кыздын өлүгүн парктан таптык, биз тааныбайбыз, сиз ошону көрүңүз, башка болгусу бардыр…

- Макул, көрөйүн, - Сталбектин мууну калчылдап зорго ордунан турду, аны милициялардан үчөө-төртөө коштоп барды. Моргко кире бергенде эле бетин шейшеп менен жаап койгон, сестене карап алды да: "Оо жараткан бөлөк болуп калса экен" деп кудайдан тилеп жиберди. Жанына жетип, шейшепти ача албай буйдала калды: "Астрам болсо канттим?" Эки милиция аны карап туруп бирин-бири ымдады да бирөөсү басып келип шарт ачып жибергенде Сталбек көзүн жумуп онтоп ийди:

- Олда-а чырагым ай!!! - өзүн кармай албай теңселе түшкөндө аны милиционер колтуктап сыртка чыгарды.

- Кайрат кылыңыз!

- Өзүңүздү колго алыңыз байке, сиз эркексиз го, аялдарча болбой.

- Мен булардын энеси да, атасы да элем, чырагым ай!!! - Сталбек күйүп баратты: "Ооба, мен кесир кылган экенмин, төрт кызымдан экөө гана калды, мени кудай өзү жазалады" деп эриндери бүлкүлдөп ыйлап отурду.

Ошентип Астраны да жайына беришти. Сталбек мисирейип үн-сөзсүз болуп калды. Үйдөн да чыкпайт: "Кантип гана табаар экенмин, кызымды өлтүргөн эмени көрсөм…" деп ойлосо уйку көрбөй таң атырат. Болгондо да кайран кызды мыкаачылык менен, кыйнап өлтүргөн, эки эмчегин кесип, мойнун кесип, жан жеринин эки жагын тилип койгон экен..

Убакыт аккан суудай арылдап өтө берди. Бечара кыз жаны жай алып жатып калса да анын арбагы жөн жатпады, бирок анын арбагы өз үйүнө келип калчу болду. Бир күнү түшкө маал Сталбек уктап жатса түшүнө кирди. Кийими кызыл ала кан, тытылган, Сталбек аны көрүп эле артынан кыйкыра жөнөйт: "Астра бери кел, кайда барасың?!" деп кете берет, бир кезде кандайдыр бир тоо этектерине барып такалат. Абайлап караса тоо этегинде шаркырап аккан суу, анын жээгинде заңгыраган дача турат, Астра ошол дачага кирип кетти, артынан кирген Сталбек бөлмөлөрдү кыдырып жүрүп кызын кескилеп жаткан адамдарды көрөт, ошондо Астра: "Мына ушулар, көрүп ал ата, мен кордолдум, азап чектим, атаа-аа!" деп көздөн кайым болду. Чоочуп ойгонсо көл-шал болуп тердеп кетиптир.

Жүрөгү лакылдап ары-бер басып эс ала түштү, муздак сууга бетин жууп анан үйгө кирип Зинага карады:

- Кызым жакшылап тамак жасачы, Астрага куран окуп койолу! - деди да төргө жатып алып эмеле көргөн түшүн эстеди. "Кайсыл тарапта болду экен, көп эл дачага бардым эле, аларга окшобойт" деп ойлонуп жата берди. Кечки тамакты куран окуп бата кылгандан кийин да көз алдынан түшүндө көргөн дачасы кетпей туруп алды: "Эртең дачаларды издейин, ал мени өчүмдү алсын деп жаткан го?" деп улутунуп алды. Айрыкча кызынын адамдан башкача өлүмгө дуушар болгону ага катуу тийди, басса-турса кескиленген денеси көз алдынан кетпейт: "айланайын кызым ай, анчалык эмне өчү бар эле сенде ал шүмшүктүн?" деп түтөп кетет ушинтип ойлогондо.

Убакыт дегениң бат- бат алмашылып, улам бүгүнкүсү унутулуп, жаңы түйшүктөр алаксытып, тиричилик токтоп калбай улана берет эмеспи. Сталбекке Калысбек аялы менен дагы келип:

- Болоор иш болду Саке, эми сен да кайгыдан башыңды көтөр. Биз болсо камынып койдук, Зинага сырга салып эле, дароо алып кетели, эки кызың менен жаман уулуң аман болсун, - дешип кайра-кайра демитип туруп алды. Бул кезде Зина Кайратты жакшы көрүп, ал турсун аны менен качып кетүүгө бел байлап койгон эле. Атасына Калысбектердин келгенин көрүп-билип эле турат, бирок алардын баласына көңүлү жок болчу. Кайрат ал сөздү Зинадан уккандан кийин ата-энесин айттырып ийди да, аны даярдантып алып кетти.

Муну укканда Сталбек ого бетер делдейди: "Капырай, кыз деген такыр башкача калк болот туура, бул эмнеси, же Кайрат аны атайы зордоп ала качты бекен?" Эмнеси болсо да башы ойлордон адашып айласыз куугун жиберди. Жеңесине жөнөп жатканда минтип айтты:

- Өз көңүлү менен кеткен бекен ошону билгиле, эгер ыйлай турган болсо алып баса бергиле.

- Макул аке, кантип эле кыз ыйлап жатса таштап баса берели, бизде да намыс бар.

- Ошент айланайын, өзү каалап барса бактылуу болсун, менден ушуну айта баргыла! - деп, куугунга бараткандарды сумсая узатып туруп калды: "Бактылуу, өмүрлүү эле болушса экен".

Баатырбектер кууп келгендерди тосуп алып Илимбекти машинадан көтөрүп түшүп үйгө киргизгени калганда Күмүшкан:

- Ай токтогула, мен кызга жолугайын, өзү келген болсо, көңүлү менен келсе кирбей кайда бармак элек, ушунча алыстан келип алып койо тургула, кана кыз каякта? - деп өкүм сүйлөгөндө бирөөсү аны жетелей басты:

- Жүрү кудагый, кыз биякта, татынакай эле болуп отурат. - Зина отурган үйгө киргенде көшөгө өйдө түрүлүп кыздар менен отурган экен, жеңесин көрүп отурган жеринен тура калды.

- Жеңе!

- Кандай, сени Кайрат коркутуп же зордоп алып келген жокпу? - Күмүшкан анын көзүнө тике карады.

- Жо-ок жеңе, кантип эле коркутмак эле, эч кандай коркутпай эле сүйлөшүп келдим, атам мени кечирип койсун, мен деле жаш эмесмин, батасын берсин!

- Анда өзүң бил, өзү макул болуп кетсе батамды бердим, бактылуу болсун деген, - Күмүшкан Зинанын бетинен өөп кучактап калганда баятан бери мостойуп турган кыз ыйлап жиберди.

- Жеңе, мен Эмлисти анча жактырбайм, ошон үчүн өзүм каалап, көңүлүм менен Кайратка макул болдум.

- Мейли садага, өкүнүп калбагандай болсоң эле болду.

- Өкүнбөйм жеңе!

- Киргизгиле кудаларды, келиндин жообу жакшы болду, бол кудаларды алып киргиле?! - деп Күмүшканды үйгө коштоп кирген аялдын бири эшикке чыгып калдастап жатты.

Ошентип кудаларды коноктоп, кыз-күйөөгө бакыт каалап, ыр ырдап, тамаша айтып отуруп таң атканда куда узатуу болду. Көчөнүн аягына чейин, улам бир үйдөн бозосун, арагын ала чыгып аларды узатып жатышты.

Илимбек менен Күмүшкан аябай ыраазы болуп, меймандос, коңшу-колоңуна алымдуу кудаларды жерге-сууга тийгизбей, алдына койгон жыйырма миң сомду Сталбектин колуна тапшырышты. Куда узатууда Токтосун менен Аптакан да болушту. Күмүшкан Сталбекке иймене карап, ызаат менен минтти.

- Аке, Зинанын өзүнөн сурасам тиги Калысбектин баласын жактырбайт экен, Кайрат болсо Астра жоголгондон баштап эле муну менен сүйлөшүп калган тура, сизден кечирим сурады экөө тең, батасын берсин дешти эле, сиздин айтканыңызды айтсам кыз сүйүнгөнүнөн ыйлап ийди.

- Мм, - Сталбек оор улутунуп алды, - тагдыр деген ушундай экен да-аа, өзү макул болсо мен кайда качмак элем, бактылуу эле болсо болду.

- Бактылуу болсун садага, эми ушу Сара, Улан үчөөнүн өмүрү узун болсун, - Илимбек да жер карап агасынын ички күйүтүн сезип турду.

Көпкө чейин ичип отурушкандан кийин Сталбек инисине көргөн түшүн айтып берди:

- Ошол каңкорлордун изин эле тапсам, соо койбойт элем, жок дегенде тааныйм, же көргөм деген бирөө болбой жатпайбы?! - Илимбек жини келе муштумдарын түйө сүйлөдү.

- Жок дегенде сүрөттөй аласызбы?

- Сүрөттөй албайм го, бирок түшүмдө көргөнүм көз алдымда турат, кудай буйруса көргөнүм бойунча издеп табам, - Сталбек ишеничтүү айтты. - Мен көргөндө тоо кыркаларынын этегинде чоң суунун жээгинде, чоң-чоң бөлмөлөрү бар заңгыраган дача экен, кире бериштеги тепкичтери али көзүмө көрүнүп турат, булар үчөө болчу, мени караган кара тору жигиттин жүзү, көздөрү чакчайып мени карап тургандай сезилет азыр дагы…

- Жалгыз эмес да, көпкөн чиновниктердин балдары болуш керек!

- Ким билет, тескери жолго түшүп алган ээнбаштардын ким экенин билүү кыйын…

- Табабыз, кан куткарбайт деген бар го, ошонун убалы ошолорду тим коймок беле?

- Кайда-ан, жапжаш, эчтеке көрбөй өлүп калды го, - Сталбек оозунан жалын бүрккөн кайгысын сыртка үйлөгөндөй шуу үшкүрүп алды. - Чырагым ай, кандай гана шүмшүктөргө кабылып калды экен?

- Аке, көп эле кайгыга алдыра бербеңиз, өзүңүз айткандай тагдыр деген ошондой экен, кантебиз, кайрат кылып эми Зинанын тойун, артынан барчу кийим-кече, көшөгө, себин даярдайлы, сиз минтип отурсаңыз болбойт! - Күмүшкан кайнагасынын көңүлүн көтөрүүгө аракеттенди. - Мына, буйруса эки кыз тең жакшы жерге барышты, бул да болсо жакшы эмеспи, алар үчүн сиз керексиз, өлгөндүн артынан өлмөк жок да бул жашоодо, өмүрлөрү кыска тура Лира менен Астранын..

- Кагылайындарым десең, төрт кызды көп көрүп кесир кылган экенмин го, бул мага кесирим үчүн кудайдын берген жазасыдыр… - Сталбек башын мыкчый отуруп калды. - Жазаландым, аялымдан, кыздарымдан ажырадым, ажырадым. Мени кудай жазалады-ыы!!! - өңгөчүн тарта ыйлап жатты. - Кесирим балдарыма тийди!

- Аке, көп кейибе, мен турбайынбы, эки кыз, Улан турат, андан көрө кеңешип экөөлөп ошол шүмшүктөрдү кармап өч алалы.

- Туура айтасың, Астра мени "өч ал!" дегендей эле өзүн өлтүргөндөрдү түшүмөн аян берип көрсөттү.

- Баягы мылтык барбы?

- Турат, ок да даяр, үчөөнө үч гана ок жетет! - Сталбек сурдана үн катты. - Колумдан келсе дал ошол кызымды кандай кыйнап өлтүргөн болсо өзүн да ошентээр элем… бирок кудайдан корком.

Андан ары ага ини эртеңки тиричиликтерин кобурашып, Астраны өлтүргөн шумпайларды аңдыганы экөө киришүүгө план түзүштү. Сталбек Илимбектер кеткенден кийин мылтыкты алып тазалап октоп, майлап даярдап койду. Ал өз үйүндө жалгызсырады. Зина, Астра барда анча билинчү эмес экен, Улан кеч кирди уктап калат, ал телевизорду саят да көргөнгө окшобой ойу менен алектенип санаага батып түнкү уйкусу качат да кээде таң атырып ийет. Сара эки-үч күндө бир келип турат, анткен менен анын да үйбүлөсү орун очогу бар эмеспи. Бир-эки күн туруп, кирин жууп, үйүн тазалап койуп кайра кетет. Бекболот менен Асылкүл аны Астранын азасынан кийин үйүнө чакырып бир сыйрасын кийгизип коноктошту. Бекболот анын үйүнө атайы кудасынын көңүлүн көтөрүүгө келип кетип турчу болду, экөө аркы беркини сүйлөшүп көпкө отурат.

Илимбек менен Сталбек бир күнү машина менен дачаларды кыдырып келүүгө жөнөштү. Көп эле дачага барышты, бирок ал түшүндө өзү көргөн тепкичи бар үйдү таба албай суй жыгылышты.

- Баса мен бир дача көргөм, ал айылдан таптакыр алыс, бирок ал көптөн бери эле бош турчу, мүмкүн ошону сатып алгандыр… - Илимбек Сталбекти карады, - болсо ошол, болбосо билбейм.

- Көрөлүчү.

- Ооба, барып көрөлү, болбосо… - Ал ойлонуп калганда Сталбек: "Болбосо "бүттү, табылбайт, тажадым, токтотолу!" деп айтат ко" деп инисин карап туруп калды, - болбосо детектив жалдап көрбөйлүбү?

- Детектив, алар сураган акчаны…

- Аке, табабыз да, башкысы Астраны өлтүргөндөрдү тапсак болду.

- Жок, мен өзүм эле табам да, ит өлгөндөй өлтүрөм, адам тапкыс кылып, карга-кузгунга жем кылам!

- Мейли, ошол дачаны көрүп келели. - Илимбек унчукпай машинага отурганда ал айдап жөнөдү, экөө тең үн катпай өз ойлору менен алек.

Бир кезде Илимбек тааныш айылга келгенде сүйүнүп кетти:

- Мына ушул айылдын четине чыксак эле дүпүйгөн дарак көрүнөт, ошону көрөбүз…

- Билдим, билдим… тааныш жолдор, мына ошол тоолор экен, дал ушул..

- Келгем!

- Эгер ушул болсо машинаны алыс эч ким көрбөй, байкабай турган кылып ары жакка токтотолу.

- Ооба адегенде тактап алалы, - Сталбек ойлуу айдап кете берди. Улам жакындаган сайын бул жерге келип эле жүргөндөй сезим пайда болду. Бир кезде дачанын тосулган короосуна жеткенде кадимкидей жүрөгү лакылдап өңү өзгөрө баштады, "Ушул, шүмшүктү сөзсүз өлтүрөм!" деген ойдо өтүп барып токтошту. Дүпүйгөн калың бактын ичиндеги дача ага мурдатан тааныштай көрүнүп, аны бир белгисиз күч сүйрөп жөнөдү. Илимбек эч нерсе дей албай машинада отуруп калды. Сталбек короону ачып, тепкичтерден өтүп тааныш бөлмөлөргө кирип баратып оозгу бөлмөдөн Астранын үйдө кийчү спортивкасын тааный койуп алды да кайра сыртка чыкты. Көзүнүн жаш куйулуп, машинага келип отурду да:

- Садагам ай, кызымдын жаны ушул эле тегеректе жүргөн сыяктуу туйулуп жатат, ал бизге жардам берет, көрөсүң го Илимбек, ал жардам берет!

- Эми кеч киришин күтөлү, машина келип киргенде анан биз артынан киребиз.

- Ооба, көп болсо эки сааттай калды кеч кирээрине.

Экөө машинада отуруп жолдон көзүн албай тиктеп отура беришти. "Үйдү бекитпептир, сыягы бейчеки адам келбесе керек, же ичинде бирөө бар, уктап жаткан көрүнөт". Сталбек ушинтип ойлоду. Түн кирсе да эч ким келбеди, түнкү саат он экилерде Илимбек агасын карады.

- Мүмкүн үйдө бирөө бар, жалгыз окшойт!

- Мен да ошентип ойлоп турам, эгер кетсе эшигин бекитип кетмек, сен ушул жерден байкап тур, мен үйгө кирип көрөйүн.

- Жок, машинаны кулптап койуп экөөбүз тең баралы, сиз жалгыз алыңыз жетпейт, балким мас болуп уктап калса эмгиче тарады.

- Сен менин артымдан бас! - Сталбек акырын шырп алдырбай короого кирди, бөлмөлөрдүн эшиктери ачык турат, айдын жарыгынан бөлмөлөр жарык болуп даана көрүндү. Эч ким көрүнбөдү. Баарын карап кайра эшикке чыкты. - Эч ким жок, келсе эми келет, болбосо эки-үч күн күзөтүп анан кармабасак…

- Ооба, - дегенче машинанын катуу чыккан үнүнөн экөө үйдү айлана бекинип калышты. Машинаны короого киргизди да өзү түшүп арткы салондон байланган кызды көтөрүп кирип кетти. Сталбектин мууну калчылдап көзүнө кордук көрүп кескиленген Астранын элеси келе калды:

- Сен менин артымдан кошо кир, жалгыз экен…

- Макул, - Илимбек чынында коркуп турду. Аңгыча ичкериден: "Эй красавица, сен менин колумдан өлгүң келбесе азыр бошотом, өз эркиң менен жатып бересиң, болбосо көтүңдү айрып койом!" деп кыйкырып чаап жиберди окшойт, кыздын кыйкырган үнү чыкты: "Акмак, жырткыч, сага жатып бергенден көрө колуңдан өлгөнүм артык, тийип көр!" Сталбек ушул учурда Астраны элестетип, аны көз алдында сабап уруп, зордуктап, андан кийин кескилеп баштаганы элестеп өзүн кармай албай бакырып мылтыгын Алмазды көздөй сунуп кирип барды. Эмне болуп кеткенине көзү жетпей ордунда нес боло калган Алмазды Илимбек жетип эки колун артына байлап туруп тепкилей баштады. Ушул учурда Сталбекти көргөн адам өзүнөн-өзү чоочумак, анткени ал бүткөн бойу калчылдап, көздөрүнөн жаш куйулуп, жерде буту-колу таңылуу жаткан кызды, бир Алмазды карап мылтыгын кармаган бойдон туруп калган эле. "Мына атып жиберет, менин да күнүм бүткөн экен, ооба канча кызды зордуктадым, беш кызды өлтүрдүм, ошолордун убал-сообун ойлобогон экемин, акыры ушуну көрмөкмүн!" деп, Алмаз таңылуу жатып жан деген ширин экенин сезип, бейтааныш адамга жалдырагысы келди, бирок ата-энесине ошончо кылмыш менен көрүнүп жансоогалоодон намыстанып үн катпай: "Өлтүрө берсин, өз жазамды алып, жигит бойдон өлөйүн, жанымды калтыр дегенден көрө өлгөнүм артык" деп жата берди. Тепкилеп жатса да кыңк этпеди. Бир маалда эсине келе калган Сталбек мылтыкты Илимбекке берди да өзү шашып кыздын буту колун чечти, жиптерди алып Алмазды чырмап байлады да, Илимбек экөөлөп сүйрөп жөнөдү. Кыз да алар менен кошо сыртта турган машинага түштү. Багажга Алмазды салып оозун бекем таңып анан кыздан сурады:

- Үйүң кайда?

- Алматинский көчөсүндө.

- Кеттик! - Үчөө эми зуу койуп жөнөй калганда алардын каршысынан Джип машинасы чыгып өтүп кетти. Бул Алмаздын шериктери болчу. Бейубак бул жактан кетип жаткан машинаны көрүп дачага жетүүгө ашыкты алар. Сталбек машинаны катуу айдап баратып кыздын аты-жөнүн сурап алды:

- Эгер бир нерсе болсо мобул акмакка күбө болосуң, болбосо көрөбүз.

- Макул аке, ыраазымын силерге, ажалым жок экен… - Кыз ыйлап бараткан.

Ох! - Сталбек онтоп жиберди, "Менин Астрамдын ажалы ушунун колунан экен да, мунун ажалы менден, ичи жиги жок жоготом!" Зареманы жеткирип кайра үйүнө келди. Ал үйүнө кайрылганда эле Илимбек аны таң кала карап бирок эч нерсе сурабады, "күйүтүн ушундан чыгарып алсын, өчүн алсын" деп ойлоду да үндөбөй келе берди. Сталбек үйгө келип машинасын короого киргизди да.

- Сен тигил подвалдын эшигин ач! - деп Илимбекке буйруй сүйлөдү.

- Азыр. - Жертөлөнүн эшигин ачып келгенден кийин экөөлөп Алмазды көтөрүп киргизди да, үйдөн Астранын сүрөтүн алып чыгып подвалдын светин күйгүзүп туруп тике маңдайына барды:

- Эй акмак, мына бул кызды тааныйсыңбы? - Алмаз аны карап туруп жүрөгү болк этип алды, бирок жандимилигине салды.

- Жок, көргөн эмесмин!

- Ой энеңди урайын канкор, бул кийимдер кимдики, сеникиби ыя, жүзү кара?!

- Билбейм, мени кайдагы бир кыз үчүн туткундап отурасыңбы?

Алмаз өлөрмандана кыйкырганда Сталбек тепкилей баштады, башы-көзүнөн эчтеке калтырбай тепкиледи, качан өзү чарчап алы кеткенде тердеп, демигип калганда Илимбек тепкилей бакырып жатты:

- Энеңди урайын акмак, билбейсиңби ыя, көргөн жок белең, сендей канкорду ошол кызды кандай кескилесең ошондой кескилеп өлтүрөм, уктуңбу?!

Экөө тең чарчап демигип отуруп калышты. Алмаздын бети, колу денеси жарылып канжалап кетти. Тажаалдыгын, көктүгүн көрүп, экөө тең таң калышты, бир да жолу "ий" деп койбогонуна. Ал түнү аны ошол подвалга сыз жерге жаткырып койуп үйгө кирип жатып алышты. Түн бир оокумда Алмазды келемиштер талай баштады.. Сталбек эртеси ага кирген да, көргөн да жок. Ойлуу жүрдү, "Эмне кылсам экен, же талаага алып барып атып салсамбы акмакты, же ошол жерде чирип өлө турган кылсамбы?" Ал ойунун аягына чыга албай эшигинин алдында ары-бери басып жүргөндө Илимбек келди:

- Тигини эмне кылдык?

- Эмне кылаарымды билбей турам, эптеп түн кирсе эле талаага алып барып атып таштасамбы?

- Жазаны өзүңүз тандаңыз, өчүңүздү алып эс ала түшөсүз.

- Буга оңой өлүм жарабайт, кыйналып өлсүн!

- ?… - Илимбек унчукпады. Тек гана агасынын көңүлүнө карап жанында отура берди. Кеч киргенде экөө дарбазаларды бекитип подвалга кирсе Алмаздын кулак мурдуна келемиштер үйүлүп алган экен, экөө тең селт эте бүткөн бойлору үркө чоочуп кетишти. "Аттиң, келемиштердин барын билбептирмин, бул өз жазасын алган туура!" деп дилинде ойлогон Сталбек келемиштерди "Шит. Шит" деп кубалап, тырышып, кан жыттанган өлүккө үйүлгөн келемиштерди экөөлөп араң кубалашты да жансыз, сөөгү көрүнгөн денени целлофанга ороп алып чыгып багажга салышып, түн жамынып айылдан алыстап ээн талааны көздөй жөнөштү. Тоо түбүндөгү ээн, адам буту баспай турган жерге жеткенде багаждагы өлүктү алып чыгып ташташты да, кайрадан зуу койду шаарды көздөй…

Көп өтпөй Сталбек кызын, күйөө баласын чакырып алып андан кийин кудаларын коноктоп анан узабай эле үйүн сатып жиберди да, туулуп өскөн айылына кетип калды. Улан болсо жетинчи класска окуп татынакай жигит болуп баратты. Бирок анын эси-көөнүнөн Алмаздын келемиш жеген денеси кетпей абдан кыйналды. "Оо кудай, кечире көр, ачууга алдырдым, күнөө жасадым, кечире көр" деп жакасын карманып, анын арбагына атайы бир койду сойуп куран окуп туруп таратып койду.

Ошентип ар бир пенде тирүүндө жасаган күнөөлөрү үчүн акыры бир күнү алладан өз жазасын алаары белгилүү эмеспи. Сталбек да эртедир кечтир: "Эх кудай, эмнеси болсо да жашаарымды жашадым, ушу балдарыма зыяным тийбесе экен, өзүң колдой көр!" деп беш убак намазын окуп андан кийин аял алууну ойлонбой күнүмдүк жашоосу менен алпурушууга өттү. Негедир ал Айнураны көп ойлойт, аны эстегенде чындап эле зордоп жашатканына кээде жини келип кетчү болду. Бирок анын баары өткөн иш, карааны алыста калбадыбы. Ушу бүгүн дагы үйдөн чыгып айылдын четиндеги дөңчөгө карай басып баратып өткөндөрүн эстей: "Аттиң, бары убактылуу туура" деп күрсүнүп алды. Бул алтымыштан жаңы гана ашкан адам көп түйшүктөрдү, азаптарды тартып, жедеп жашоодон көңүлү калып, баарына кайыл болуп, аргасыз тагдырына көнүп берген алсыз пенде эле. Ал арадан он жылдай өтүп баратса да Айнураны унута албай койду. Анын баскан-турганы, суз мүнөзү, кайдыгер гана жылмайып койгону көз алдынан кетпеди. Бүгүн дагы аны эстеп жатып түндө дагы түш көрдү, Айнура тирүүсүндөгүдөй эле үйдө жүргөн экен, Сталбек кирип барса аны карап койуп адатынча эле бир нерсе жасап жатат, жанында бала жүрөт, ага карап улам колуна бирдеме карматып күлүп койот. Сталбек анын жанына барганда аны бир карады да: "Сталбек, сен эми аял ал, жалгыз жүрбө, биз сага ыраазыбыз, уулум экөөбүз биякта жакшы турабыз, үйлөнбөсөң болбойт!" деп баланы ээрчитип эшикке чыгып кетти. Анын кетип жатышына аябай таң калды Сталбек, кийген кийиминен бир башкача шуудураган үн чыгып босогого жетип жетпей көздөн кайым болду. Ойгонуп кеткен Сталбек көпкө ойгоо жатты: "Тобо-оо, бейишке чыккан окшойт, жанындагы балачы, мага ыраазы экен, кудай буйруса… Анан ал Сайкалды ойлоду: "Өтө нааразы болуп кеткен окшойт, бир да жолу түшүмө кирбеди". Улутунуп алды, аңгыча таң агарып жерге жарык түшүп калганда туруп даарат алып таңкы намазга турду. Ошолорду ойлоп дөңдө отурса Улан келди:

- Ата, үйгө киши келди, жүрүңүз үйгө!?

- Эмнеге, уулум, бир аз отуруп анан деле барам.

- Кудалар чогулуп үйдү куттуктап келишиптир.

- Эмне дейт, айтпай дебей эле келип алышыптырбы?

- Ооба… - Сталбек уулун ээрчий үйүнө басты.

Үйүнө келсе эки кудасы, кыз-күйөөсү чогуу келип дасторконду жайып, алып келгендерин жайнатып койушуптур.

- Ой келгиле кудалар, айтып, деп анан келсеңер болмок экен, камынып турбайт белек уулум экөөбүз.

- Койчу куда, үй көргөнү келген киши айтып келбейт, анан дагы конок буйруганды көрөт.

Ошентсе да, Сталбек ыңгайсыз абалда калып дасторкондун чекесине отура кетти. Уланды Илимбекке жиберип өзү кудалары менен чечекейи чеч боло кобурашып отуруп кызына минтти:

- Зина, коңшулардан чакырып кой, мына булардан ооз тийишсин, кыз-күйөө менен кудаларымды көрсүн, силерге караганда алар менин жанымда, жамандык-жакшылыкта жанымда болот, - деп калды.

- Макул ата, - Зина эшикке чыгып эки-үч үйгө барып чакырып, бирине, - Эже балаңыз болсо коңшуларды биздин үйгө чакыртып койосузбу, иним шаарга кетип мени жиберди эле атам, - деди. Ал макул боло тестиер уулун жөнөттү.

Коңшулары тегиз келип кешик ооз тийип отурушканда кара көз, кара каш сулуу келин кол кабыш кылып чай куйуп отурган. Бир кезде Сталбек экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Канчалык аны карабайын десе да көз нуру түшүп, келинди тиктегенде ал да карап калып жатты. Куда, кудагыйлардын ичинде бир-экөө иче тургандары кошо келген экен, аларга арак куйуп сунулду.

- Кана, куда-кудагыйлар, силер кудаңардын үйүн куттуктап келипсиңер, жакшы сөзүңөрдү айтып алып койгула! - келин шакылдап калды эле, төрдө отурган Бекболоттун мындайраак инилеринин бири:

- Ой айланайын карындашым, деги айылың ким, дайының ким, никелеп алган дайының ким? Бош болсо башың сөз салам, болбосо сөзүм кайра алам! - деп тамашалай каткырып калды.

- Ай абаке, ушул айылдын кызымын, болбогон жолум кайындан, сөз салабы бирөө деп, мен дагы күтүп жүрүмүн! - келин шакылдай кашын серпе жылмайып койгондо Бекболот каткыра инисин карады:

- Мына, эми иним өзүң калдың балаага, келин билсе мунуңду, айдап салат талаага.

- Ээ аке, кайда барат эле келиниң, көңүлүм каалап турсам мен, кетирип аны эми эптеп, кара көздү алсам бейм! - ого бетер отургандарды карап каткыра күлдү.

- Сиздейге барсам арман жок, колуңузду бериңиз, кетээриңизде унутпай, ээрчитип ала кетиңиз! - деп келин колун созуп калды.

Сталбек дагы алардын күлкүлөрүнө кошулуп отуруп улам келинге назарын сала карап, көздөрү тиктеше калганда жүрөгү "зырп" эте калып ойу алда кайда кетип жатты. Кудалар конок болуп эки күн туруп жөнөп кетишти. Тагдыр деген табышмактуу эмеспи, ошол кара көз сулуу келиндин турагын сураштырып, акыры анын колун сурады. Өзү такыр төрөбөгөн, энчиленүү үй-жайы бар келин эле. Сталбектин сунушун четке какпады. Ачык-айрым, ак көңүл, мүнөзү жумшак Акберметти Сталбек көчүрүп алды. Анын өмүрүнүн өтүп калганы, көп кайгы муңду кечиргени окуп бүткөн китеп, мурда көргөн эски түш сыяктуу - эстегенде гана умсунуп, улутунуп алат. Ар күнү намаз окуп, арбактарга сыйынып турат. Айнураны да унутпайт. Улан болсо чоңойуп калды: "Кудайга шүгүр, эми уулумду үйлөнтүп, неберемди жыттасам арманым жок эле" деп ойлонуп, эшиктин алдында өткөн өмүрүнө саресеп сала отурду. Алганы Акбермет жанында даамдап тамагын жасап, кирин жууп, уулуна өз баласындай үйүрүлүп түшүп көөнүн тындырып койду. Ошентип бул жашоодогу бирден-бир максаты көптөгөн азаптардан кийин аткарылганына тобо келтирип, күндүн кызарып батып баратканын карап ойлуу отурду.. "Кудайга шүгүр!" деп алды ал. Бул да болсо баарына ыраазы болуп, алланын жазганына мойун сунуп турганы эле…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз