Айгүл ШАРШЕН


"Өзгөчө базар"


- Эй, сен кимсиң ыя, сиг… ин десе, кечээ менин клиентим менен кетип калыпсың да?

- Ал мени өзү алып кетти, сен жок болсоң ага баары бир эмеспи!

- Эн-недурайын, сенин бойуңда бар го, кантип бардың ыя? - ыржалактап күлгөн болду.

- Бойумда болсо эле иштебей ачка калайынбы, күйөөм өзү иште деп жатса иштейм да.

- Эн-нээң бүгүн "жирный" клиент тейледим, ая-ябай март экен, мамаңа көрсөтпөй салып ал деп мага боор ооруп акчаны аябай таштап кетти.

- Анда сен ага жагып калгансың го?

- Ананчы, айтып койбо мамашага, айттың дегиче кагып алат эй!

- Эмнеге айтмак элем, мен "жекече" иштейм да, алар менен сүйлөшпөйм өзүң билесиң.

- Мен деле өзүмчө иштесем жакшы болмок, сутка бойу канча иштесем да жарытылуу акча калбайт, көз каранды болуп жашоо кандай азап бли-ин, - кейий сүйлөп кызуу болсо да көмөкөйүндөгү көк түтүнүн улутуна чыгарып алды. Аңгыча манты, оромо алып Шакен менен Айна жете келди. Аларды көрүп үндөбөй карап калышты.

- Ысык оромо жегиле кыздар, манты бар! - Шакен аларга карады, - Абдан жакшы, ич май, куйрук менен жасалган.

- Канчадан? - Жанагы кыз басып келип сурады, - Мага жакшы болсо бир оромо бериңизчи, эгер жакса дагы жейм, ичим ачышып атат, - Шакен ороп-чулгап алган оромосун алып пакет менен анын колуна кармата койду:

- Көрөсүң го дагы бер дейсиң, бирок насыя бербейм, только наличка!


- Коркпо мамаша, акча бар! - Ал кыз пакетти колуна алып ачты да бурдап сугуна баштады, - Ой бли-ин, чын эле сонун экен, дагы экини бериңиз мамаша, ме акчаңды ал! - деп бир колу менен джынсы курткасынын төш чөнтөгүнөн жүз сомдукту алып сунду.

- Мына! - Шакен да шаша буша акчаны алып оромону көтөрүп Айна экөө ары баса турган болгондо дагы бирөө аны токтотту:

- Эже койо турсаңыз?! - деди да жапайы адамча эки колу менен пакетти кармап алып сугунуп жаткан кызга карады, - Айда мага бирди алып берчи, мен сага эртең берем, мамашага айтпа, тойбойсуңар деп урушат.

- Ал, мен төлөп койом! - Айда токтоосуз макул боло акча алып бере салды, - бирөөнө тойбойсуң, экини жеп ал, пока я добрая!

- Рахмат Айда, аябай ачка болдум, бүгүн мен иштей элекмин, кокус бүгүн иштебесем тирүүлөй өлтүрөт чыгар.

- Сезим коркпочу, жинге тийсе экөөбүз бөлүнүп өзүбүзчө иштеп кетип калабыз.

- Кайдан, кийим алып бердим, тамакка төлөдүм, квартирага деп айдан айга карыз болуп калып кете албай жатпаймынбы?!

- Жанын жейт, зато биздин артыбыз менен күйөөсү экөө жан сактап ошон үчүн кетиргиси келбейт да, кокус сойкулар болбосо буларың өлүп калат!

- Акырын угат, - Сезим элеңдей ары жакты карап койду.

- Укса урганым барбы, карандай чындыкты айтып жатам.

- Ошентсе да. - Сезим ысык оромону алып бир четинен жей баштады.

Шакен менен Айна андан ары басып баратканда сутенерша Элмира аларды машинанын эшигин ачып чакырып калды:

- Эже оромоңуз барбы?

- Бар, жаңы эле келдик, бирок карызга бербейм Элмира, капа болбо, балдарым наны жок отурат.

- Карызга бербесеңиз кантип сатасыз, бул жерде өзүңүз билесиз карыз бермейинче соодаңыз болбойт да, азыр менин бир дагы кызым иштей элек.

- Койчу Элмира, мен дагы балдарымды багам деп ушул суукта түндөсү келип кар кечип жүрөм да, мурунку карыздарыңды да бере элексиң.

- Мурунку карызыбыз канча эле? - Элмира калп эле билмексен болуп сурады.

- Эки жүз кырк сом.

- Анда мындай эже, эки жүз сом берем, кырк сомду бүгүнкүгө кошуп койуңуз да беш оромо бериңиз.

- Ий-ий ушинтип эле турасыңар, мурункусун толук берчи жок дегенде, эртеңкиге товар алып алайын.

- Жок, эки жүз берем, - Элмира керсейе отуруп алганда Шакен аргасыз макул боло беш оромо берди да, Элмира берген эки жүз сомду алып жөнөй бергенде аны кайра чакырып алды, - тигини эмнеге ээрчитип келдиңиз, "чужойлорду" алып келбей өзүңүз эле келбейт белеңиз, биердеги "секреттерди" элге таратсаңар көрөсүңөр! - Элмира жалган күлө тамашалаган болду. Ал бул учурда чындап эле жини келип турган.

- Ой ал мени менен эле келген, түнкүсүн жалгыз коркот экемин.

- Баары бир, чужой деген чужой да, - Элмира арыраакта, сөгүнүп-сагынган кыздарды карап делдейип турган Айнаны жаман көзү менен карап койуп сигаретин түтөтүп кирди. Шакен менен Айна андан ары ээрчишип көпүрөнү көздөй жөнөдү. Ал жакта да топтошкон кыздар каткырып күлүп жатышкан. Бир кезде топтошкон кыздар дүргүп эле ар кайсы жакка жүгүрүп калышты. Шакен Айнага акырын ымдап:

- "Отметкага" келишкен го, сен аларды көп карай бербе, бирөөлөрдү шилтеп экөөбүздү мосттон ыргытып ийип жүрбөсүн - деди.

- Эмнеге? - Айна аны түшүнбөй карап калды.

- Эмнеге дейт тура, чужойду эмне ээрчитип келесиң? - деп урушуп жатат, - Шакен шыбырай сүйлөдү.

- Ким?

- Тигилер, болду унчукпа, үйгө барганда айтам.

- Болуптур, - деген Айна топурап, көпүрөнүн алдына, комоктордун ичине, жолдун ары жагына качып жаткан кыздарды көз албай карап жатып жооп берди. Экөө ээрчишип алып көпкө жүрүп оромо сатып бүткөндөн кийин жолго чыгышты. Маршрутка токтоп калган, бирин-серин жеңил машиналар гана өтпөсө түнкү саат бирлерде кайдан. Көпкө жол тосуп, көрүнгөн жеңил машинага кол көтөрүп, бетти аймалай чыйрыктырган суукта үшүп да кетишти. Бир кезде машина токтоду эле экөө жарыша жүгүрүп жетишти.

- Кайда барасыңар?

- Фучик паркына, акчабыз Жок-жок, дегенде Чүй көчөсүнө алып барып койчу айланайын.

- Суукта акчаңар болбосо эмнеге жолго чыгасыңар? - айдоочу жактырбагандай экөөнү карады.

- Оокатчылык экен да, ушул жакка бир аз соода кылабыз, бүгүн карызга берип баса бердик.

- Эмне, сойкуларгабы? - Айдоочу аларды сынай караганда экөө бири-бирин тиктешип унчукпай калышты, - Кел отургула, - экөө шашып отургучка отура бергенде зуу этип машина ордунан жылды, - Да-аа., оокатчылык дегилечи, кыздардын кызыгына батып жүргөн турбайсыңарбы?

- Бизге алып келген товарыбыз өтсө болду да, - Шакен кейий сүйлөдү, - Күндө карыз сурап жешет.

- Алар эмне сутенершаларды эле көптүрүп жатат да.

- Ооба да, байкуш кыздар акчага деле ээ болбойт экен.

- Ошон үчүн "мамаша" да, машина алып, үй салып, күйөөлөрүн үйүнөн чыгарбай багып жатышат, күйөөлөрү болсо өзүнөн он-он беш жаш кичүү.

- Сиз кайдан билесиз? - Шакен айдоочуну таңдана карады.

- Мен далай кыздарды таксиме салып жеткирем, ошондо уккам алардын тарыхын.

- Аа-аа, - Аңгыча келер жерине келди окшойт, экөөнү карады ал:

- Түшкүлө эми, бала-бакыра багам дегениңерден боорум ооруду, болбосо бекер алып келбейт элем.

- Рахмат айланайын иним, кудай жалгасын,

- Болуптур, - Айдоочу эшигин жапты да жолун улады.

Шакен менен Айна жапжарык Бишкектин ээн көчөлөрдүн биринде кобурашып кетип атышты, Шакендин көңүлү көтөрүңкү, бүгүнкү беш оромосу карыз кеткен менен бир аз акчага сатып кудуңдап алган.

- Жанагы шүмшүк Элмира сени ээрчитип алганга жаман көрүп атпайбы, - деди да, - жүрү ай жүз грамм согуп алалы.

- Эмне үчүн? - аны суроолуу карады, - алар эмнеге урушат ыя?

- Ой биердеги секреттерди эл билип калат деп, аны эмне кыласың, айтса айта берсин, жүрү суукта өлүп калбайлы, кичине ич жылытып алалы.

- Баары бир билет да, мен мурун эле угуп жүрчүмүн бул питак жөнүндө.

- Ал эчтеке эмес, булардын быкы-чыкысы көп да.

- Кандай быкы-чыкы?

- Эми сага кантип түшүндүрөм, биерде күйөөсү бары да, бойунда бары да иштей беришет, кээ бир эркектер кыздарды "сүйөм" деп ээрчитип алып ошонун акчасы менен жан сакташат экен, дагы толгон секреттери болсо керек, даана билбейм, - Экөө ээрчишип ачык турган камокко барып жүз граммдан ичип алып андан ары жөнөштү.

- Ой тобоо, бойунда бары кантип?

- Ушинтип эле! - Кобурашып отуруп үйлөрүнө жетип келишти.

*** *** ***

Мариям бул "жумушка" келгени май көл сүт көлдүн үстүндө жыргап эле калды. Ананчы, бекер кычыраган акча түшүп жатса, өзүнүн көтү короп жатты беле?! Бир кезде анын да убайын бирөөлөр көргөн, эми минтип куруттай акчаларды долларга айлантып жан чөнтөгүнө салып керсейип жардамчысына ишенип машинанын ичинде отурат. Кокус "рейд" же "отметка" болуп калса өзү сүйлөшүп "энчисин" берет да кетирип жиберет. Алар да билет ким менен сүйлөшүштү. Кыскасы бул жумушка келгени өкүнбөйт дагы, ал турсун өзүн бир мекеменин башчысындай эле сезет. Кыздары иштебей аз иштеп калса сазайын колуна берет. Капчыгы толо акча, жаш күйөө, машина, үй, баары бар, башка эмне керек? "Эх курган гана жашоо, эмнеге гана алып барбайт" деп кээде үшкүрүп да оор күрсүнүп алат. Бүгүн да негедир көңүлү чөгүп, өткөн оор тагдырын эстеп, чөнтөктөгү капчыгын сыйпалай көзүнө жаш кылгырып турду…

Анда Мариям беш жашта эле, ата-энесине эркелеп, ойундан башканы билбеген көпөлөктөй кыз эле. Бир билгени, ошол көз ирмеминде калганы көз алдынан кетпейт. Ошол күнү Мариямды атасы көтөрүп эркелетип, ээрчип ыйласа өөп сооротуп, колуна акча карматты да:

- Кызым байкең экөөң ойноп тургула, биз бат эле келип калабыз, сага сонун ойунчук алып келип берем, - деп жигулисине отурганда колуна сумкасын көтөргөн апасы үйдөн чыгып Мариямды такыр көрбөөчүдөй кайра-кайра ууртунан өөп, байкеси Курманды өөп анан атасынын жанына отуруп колун булгай жүрүп кетишкен. Ошол бойдон ал күнү да, түнү да келишпеди, кечинде "апа", "ата" деп атып ыйлап уктаган Мариям эртең менен ызы-чуудан ойгонуп эшиктин алдындагы топураган элди көрдү. Курман байкеси өкүрүп, өксөп ыйлап жатыптыр, Көп элдин ичинен ата-энесин издеген Мариям үйгө кирди, бирок жандай көргөн апасын, эртең менен кытыгылап, өпкүлөп ойготчу атасын көзгө чалдыктыра албады. Ошол, ошол болду башка эч нерсе билбейт… топурап топтошкон аялдар аны жетелеп барып:

- Оо шордуулар, коштош эне-атаңар менен, коштошкула, эми келбейт, келбес сапарга узап кетти, - дешип экөөнө боору ооруп көшөгөнүн артында жаткан ата-энесин көрсөткөндө Курман ого бетер буркурап түшө калды эле аны алып чыгып кетишти. Экөө эки капшытта жаткан эле: "Эмнеге келишпейт, уктап эле аткан тура" деген Мариямдын ойуу.

- Апа, апа турчу, мага ойунчук алып келип берем дебедиңер беле, апа, ата! - Мариям атасына келгенде кучактап ойготкусу келди эле аны аялдар кайра жетелеп үйдөн чыгарып койушту. Үйдүн сыртында бөйрөгүн таянып алып ыйлап жаткан байкесин, дагы башкаларды көрүп: "Эмнеге ыйлап жатат, атамдар уктап жатса аларды тургузбай… мен аларды тургузам, мени көрсө сөзсүз ойгонот" деп кайра жүгүрүп үйгө кирген кичинекей кызды эч кимиси этибар албай калганда көшөгөнүн этегинен сойлоп кирип:

- Ата, турчу, эмнеге уктап жатасыңар, турчу! - дегиче эле аялдар чоочуп кетип аны көтөрүп ала койду да кучактай кошо ыйлап атты, бирөөсү:

- Садагасы, атаң да, апаң да өлүп калды, кирбе аякка, алар эми турбайт, жүрү жүрө гой үйгө. - жаш келин аны көтөрүп жөнөгөндө Мариям:

- Ыкы, өлбөйт, атам, апам өлбөйт! - деп жулкунуп чырылдаганда отургандардын баары көздөрүн жаштан атышты, - Койо бергиле мени, ата, апа, тургулачы, мен силерди ойготойун десем болбой атышат, ата! апа!!! - Мариям жаш келинге ээ бербей колунан суурула чыркыраганда аны эптеп алып чыгып кетишти. Топураган эл эки, үч күндөн кийин жок болушту. Жакын туугандарынан бирин-серин жүрүп акыры ар биринин көртирлиги кыстап өз үйлөрүнө кетмей болушту. Ошондо алар чогулуп эки баланын тагдырын ойлоп эки тууганы экөөнү алып кетүүнү бүтүм кылышты эле Курман:

- Биз эч жакка барбайбыз, карындашымды өзүм эле багам! - деди жер карап.

- Карындашың жаш, кыйналып каласыңар, күндө келип кеткенге бизде да убакыт болбой калат, андан көрө үйүңөр тура берет, кичине боор көтөргөнчө экөөңөр эки жакта болуп тургула, үч-төрт жылда сен бойго жетип каласың, ошондо өз үйүңөргө келесиңер.

- Жок, эч жакка барбайбыз, ата энемдин ордун жоктотпой өз үйүмдө эле болом! - деп Курман көшөрүп туруп алганда баары ага бир сөз кайтара алышпады. Атасы Өсөрдүн өзүнүн бир тууганы жок эле, аталаш туугандары кайгырып чын дилинен айткан менен он эки жаштагы Курман муйуп койбоду. Ошол бойдон баары акыл-насаат айтып тарап кетишкен. Анда-санда келип тамак-аштан кайрылып турушат. "Туугандын турпагы алтын" деген ошо да. Мариям абдан жүдөдү, кийими кирдеп, кээде тойсо, кээде ач болуп баягыдай эркелетип алдап соолап тамак ичирчү атасы жок, жуундуруп турчу апасы жок томсоруп үйгө кирип чыгып ойногон болот. Мариям көчөгө чыгып ойноп кайра кирип келе жатып апасын элестетчү, ысык нанды бышырып алып: "келе гой кызым, ысык нан менен каймак жеп алчы, ойноп жүрүп кардың ачты го?" деп жылмая карап тургандай ашыга жүгүрүп кирип байкесинин эптеп бышырган нан менен чай ичип отурганын көргөндө супсуну сууй бир топко босогодо жалдырап туруп калаар эле. Курман анын кийимдерин жууп, нан жасап, сабакка барып жүрдү. Бирок бара-бара ал абдан кыйналды: "Мариямды алпарып берип койсом окшойт, кыйналып кетти" деп ойлойт. Анан кайра: "кой эптеп чыдайын, бир-эки жылда чоңойуп калат" деп өзүн өзү сооротуп тим болот. Бир жолу Мариям үйдө отуруп алып аябай ыйлап жаткан, балалык жан дүйнөсү кейип, негедир эмнеге ыйлаганын билбейт, өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жатса Курман кирип келип ага үйрүлө карап калды:

- Майраш, сага эмне болду, бирөө урдубу?

- Жо-оок, атам… апам.. - соолуктап жаткан Мариямды ал кучактап алып өзү да ыйлады, ата-энесинин кыркы боло элек болчу, Ошол күнү Мариямдын эти от менен жалын боло ысып түнү бойу: "ата, апа" деп жөөлүп чыкты да эртеси көзүн ачпай жатып калды. Эч нерсе ичпеди, Курман андан коркуп туугандарынын үйүнө барды, аны көргөн агасы:

- Кел Курман, келе гой, кир үйгө, - деди.

- Жок, кирбейм, Майраш ооруп калды, үйдө жалгыз жатат, эмне кылаарымды билбей эле келгем. - Курман босогодон өтпөй туруп калды, көздөрү жашылданып бирдеме деп жылуу, боор ооруган сөз айтса эле ыйлап жиберчүдөй абалда турган.

- Атаны кокуй ай, куса болуп калды дейм, - ичкериден чыккан жеңеси кейип кетти.

- Кой экөөбүз тең баралы, - Жаманкул аялын карады эле ал да жөнөдү. Алар келгенде Мариям былк этпей жаткан, өңү бозоруп сулк жаткан кызды көрүп чоочуп кетишти. Жанына келишип чекесин сыйпалап көрүшүп тирүүлүктүн жышаанын сезе "өх" деп алды Жаманкул.

- Майраш, ээ Майраш көзүңдү аччы кызым, тур тамак ичип алып ойночу, - Жаманкул зээни кейий каңырыгы түтөй түштү. Көздөрүн ачпай эле дөөрүй баштады:

- Апа, апа, ата … ата-аа!

- Кой кызым, мына мен атаңмын, тура гой! - Жаманкул кызды эңкейе калып бетинен өөп, чачынан сылады, Эркебүбү дагы үңүлүп:

- Кызым тура гой, биз атаң экөөбүз жаныңда отурабыз, турчу кызым, - деп колуна алып алдына отургузду. Ушул кезде анын эти от менен жалын болуп турган эле.

- Кой бул катуу куса болуп калыптыр, баланы бекер мертинтип албайлы, атты алып келе гой Курман, мүрзөгө алып барып келели, - Жаманкул босогону караганда Курмандын да ыйлап турганын көрүп көзүн ала качты, - Кой өзүм эле алып келейин, - деп ордунан туруп сыртка жөнөдү. Эркебүбү күйөөсү келгенче Мариямды алдына алып отуруп:

- Майраш, көзүңдү аччы садага, мына апаң менмин да, мен келбедимби?! - деди эле көздөрүн бардап-бардап ачып алып:

- Жо-ок сен апам эмессиң, менин апам башка, ал келет, мени алып кетишет, келет атамдар! - деп жүзүн буруп кеткенде Эркебүбү ага эчтеме дей албай жүзүнөн өөп койду, жүрөгү болк этип алды. Жаманкул атын токуп келип тээ төштүн түбүндөгү чоочун, дүпүйгөн айылды көздөй жөнөп калды, Курман менен Эркебүбү ээрчип алган. Эски мүрзөнүн арасында талдар бар, жазында бүрдөгөндө жапжашыл болуп алыстан кадимки эле айылдай көрүнөөр эле. Четкерээк жагында жаңыдан пайда болгон кош дөбөнүн четине чөк түшө калып куран окуп бата кылгандан кийин Эркебүбү алып отурган Мариямды ала койгон Жаманкул:

- Майраш, карачы мына кызым атаң менен апаңдын мүрзөсү, эми алар кайра келбейт, көзүңдү ачсаң! - деп айтып алып мууну бошоп: "топурак суутат дечү эле, көрсүн, көрүп алып түңүлсүн, бала неме өлгөнүн билбей келип калаар деген үмүт менен күтө берип куса болгон экен, биротоло түңүлсүн" деп ойлоп жатты. Ошондо Мариям көзүн ачып башын өйдө көтөрдү да:

- Кана, атамдар кана?! - деп эки жакты элеңдей карады. Өзүн араң кармап турган Жаманкул менен Эркебүбү да, Курман да көздөрүнүн жашын үнсүз куйултуп отурушту.

- Курган дүйнө, шум ажал ай, сени ушинтип боздоткон ажалга каргыш! - башка эч нерсе дей албай күңгүрөнүп кызды бооруна кысып отуруп калды. Мариям обдула дагы башын көтөрдү:

- Байке, кана атамдар, мен көрөйүнчү?!

- Мына кызым, ушул жерде жатышат, эми алар келишпейт! - Мариям ошол кезде чоң кишидей аларды алмак-салмак жалдырай карап үчөөнүн тең көздөрүндөгү жашты көрүп улутунуп ийди да Жаманкулдун алдынан түшүп мүрзөнүн жанына барды, эки мүрзөнүн ортосуна отуруп алып:

- Эмнеге өлдү алар, мени, байкемди жалгыз таштап өлбөй эле койбойт беле?! - деп эчкирип барып апасынын боз топурактуу жаңы комдошо баштаган мүрзөсүнүн үстүнө жатып алып ыйлай берди. Эркебүбү аны колуна ала койуп:

- Алда-аа садагам ай, шум ажалга арга жок тура! - деп эмшеңдеп кызды бооруна катып солкулдап ыйлап отурду. Жаманкул бир нерсе ойуна түшө калгандай эки мүрзөнүн үстүнөн чымчым топурак алып жүзаарчысына түйдү да:

- Болду, үйгө кайталы, - деп атын көздөй басты. Бала өңөргөн Жаманкулдун артынан эки караан үнсүз кетип баратты. Бул жолу Жаманкул аларды өз үйүнө алып келди да жүзаарчыга түйүлгөн топуракты идишке эзип туруп Мариямдын оозуна жакын келип: - Иче кой кызым, бул дары, топурак суутат деген ушул. Эртең эле ойноп кетесиң, - деп ичирип жиберди. Жагымсыз даамы болсо да аны жутуп ийип бир окшуп алды.

Эркебүбү тамак жасап бүткөндөн кийин чогуу тамактанышты, Мариям эч нерсе ичпеди. Көпкө төшөктө жатып анан акырындык менен сакайып ойноп калганда ата-энесинин кыркын беришти. Ошол кыркы өтүп жатканда ызылдап ыйлап бирөө келди, ал апасынын бир тууган сиңдиси болчу, өлгөнүн кеч угуп ушу кыркына келген эле. Ыйлап-сыктап куран окутуп бүтүп эл тараган кезде ал чогулгандарга сөз баштады:

- Кудалар, мен Мейилкандын бир тууган сиңдисимин, ата-энеден эки эле кыз элек, алыска турмушка чыгып, дарегимди билбей кабар айтпадыңар, кайран эжем менен жездемдин көзү тирүү болсо башкача болмок эле, айла жок тура өлүмгө, бири тирүү болгондо. - деп жашып, көз жашын аарчып алды да, - Эми мына бул эки баланы жалгыз тамга серейтпей мен өзүм алып кетейин, мал-салы деле кудая шүгүр эле, үй жайын бүт көчүрүп өзүм тарбиялайын, - баарын бирден карап чыкты да, - Эгер сиздер макул болсоңуздар, өлгөндөн калган жээндеримди багып алганга кудуретим жетет, - деди: "эмне дээр экен" дегендей дагы бир сыйра сыдыра тиктеп.

- Кудача, - деп сөз баштады Жаманкул, - биз деле намыс үчүн ушулардын көз жашын көрүп туруп кантип чыдамак элек, мал-кеш деп атасың, өлгөндө сойулду, кыркында сойулду, эми бир уйу менен беш-алты жандыгы калды, алам десең даяр эле, бирок ага бу Курман эмне дээр экен? - Курманды карады эле ал башын көтөрбөй туруп жооп берди:

- Сиз апамдын бир тууганысыз билем, биз экөөбүздү ажыратпай эле тим койууңуз, анткени мен эч жакка барбайм, ушул үйдү ээсиз калтырып, ата-энемдин очогун өчүргүм келбейт!

Отургандар кенедей баланын сөзүнө муйуп, аялдар көздөрүн жаштап атты. Жер чукулаган Курман да тамагын жаш муунтуп, үнү каргылдана үнсүз отуруп калды:

- Садага болойундарым ай, алыс болуп силердин кабарыңарды ала албай мен да кыйналам, жалгыз эжемдин балдарынын тагдыры мени тынч алдырабы, эжемдин арбагы мага ыраазы болобу?

- Аны билбейт экемин, кыскасы мен эч жакка барбайм!

- Курман, айланайын уулум, улуунун сөзүн уккан жакшы, ырас эле кара чечекей бир туугандын күйүтү, алардан калган балдар кимди кайдыгер калтырат, сен али жетиле элексиң, үй-жайды сенден эч ким талашпайт, чоңойуп алсаң өзүнчө үй күтүп, түтүн булатасың, эжеңди капа кылбай жакшылап ойлон. - Жаманкул эки жагын карана сүйлөдү, - Каргаша дегенге айла жок тура, болбосо Өсөр менен Мейилканды өлөт деп ким ойлоптур, али да жаш эле, "кырсык каш кабактын ортосунда" деген туура экен, эртең менен жакшынакай кетип эле кайтар маалында өлүктөрү келди.

- Ошону айтсаңыз, экөөнүн бири тирүү калганда мындай болмок эмес, өз үйүңөрдө эле болмоксуңар, азыр жалгыз сен жаштык кыласың, улуулардын сөзүн угуп жүр садага, менин деле толуп жаткан бүлөөм жок, жалгыз уулум менен күйөөм үчөөбүз эле жашайбыз.

- Алыс кетип калсак үй эмне болот, мен үйдө эле болойунчу, биерде туугандарга барып турам. - Курман саал жоошуй сүйлөдү аргасы кете. Ошентип ары кетип бери кетип жатышып акыры Курман карындашы экөө тең Сейилкан менен кетмей болушту. Жалгыз уйун жылдыгына сойо турган болуп, жандыктарын көбөйтүп бага турган болуп макулдашты да шаарды көздөй жөнөштү. Сейилкан үзүлүп түшүп, ыйлап сыктап жээндерине жакшы караган менен күйөөсү менен эрке өскөн жалгыз баласы аларды сүйбөдү. Баргандан эле Данияр Курмандан өйдөсүнүп аны теңсинбей кыр көрсөтө баштады. Сейилкан Казахстандын Астана шаарында жашачу. Курмандан бир жашка улуураактык кылып, шаар билип эркин жүрүп көнгөн Данияр аны ээрчитип алып балдардын ортосунда уяткаргысы келдиби:

- Баурдастар, мынау жигит менин бөлөм болады, аулдан келген, силер менен күрөскө чыгам дейди гой! - деп каткырып калды.

- Ой ба-ай осундай батыр болса көрелик, кана кайда баралы! - деп бири Курманды тикчие карап калды. Курман бөлөсүнүн буларга шылдың кылгысы келип жатканын сезип аны жаман көрө бир карады да, - Курөшсө күрөшөм, Данияр сен мени буларга басынтканы турасыңбы, таэжеме айтпасам элеби?! - деп өзүн эркектана сезди да алдыда болчу күрөшкө даярдык көрүп ичинен бөлөсүн сөгүп атты. Ээн жерге барышып беш-алты бала тегеректеп туруп, Курман менен Мансур экөөнү: "кимиси жеңээр экен" дегендей карап калышты. Курман мурун бир да жолу балдар менен күрөшүп же мушташып көрө элек болчу, сабакты жакшы окуп, сабактын отличниги болгонго мугалимдер сыйлачу. Экөө күрөшүп жатты, Курман тажрыйбасыздык кылып жеңилип калды, бөлөсү баш болуп баары аны шылдыңдап күлүп басып кетишти. Кечинде үйгө келгенде Курман дулдуйуп тамак да ичпей, сүйлөбөй барып жатып алды. Сейилкан ага далбастап, үстүнө үйрүлүп:

- Садагам Курман, эмне болду сага, бир жериң ооруп турабы, же бирдемеге капа болдуңбу? - деди эле ал тескери карап жаткан калыбында бурк этти:

- Жүрөгүм ооруп турат таэже, мени эмнеге алып келдиңер эле, казактарга шылдың кылуу үчүнбү?!

- Эмне дейт? - Сейилкандын жүрөгү зырп эте бир саам үнсүз туруп калды. Тестиер баланын ушул сөздү сүйлөгөнү анын жүрөгүн чындап оорутту: "Капырай бул эмне деп атат, жанагы шүмшүк мунун жинине тийген го, ай ушул баланын азабы, жалгыз бала деп көңүлүнө карасам ал мени аябайт окшойт, буга бир жаман сөз айткан экен, болбосо минтпейт эле … " деп ойлуу телмирди.

- Айтчы Курман, сени ким капа кылды, Данияр бирдеме дедиби?

- Жок, эчтеке болгон жок, мени өз айылыма эле жеткирип койуңуз кетем!

- Эмне дейт, ал эмнеси экен, көнбөй атасыңбы, бир-эки жылды көнүп, аралашып кетесиң, чыда садага чыда.

- Жеткирбесеңер качып да кетем!

- Кой антип айтпа каралдым, арбак үчүн силерди көзүмдүн карегиндей сактайм, үйлөнтөм, анан өзүңдүн үйүңө жеткирип койом.

- Баары бир кетем! - Курман көмкөрөсүнөн жатып алып соолуктап ыйлап жатты, - ата-энем болгондо ушул казактарга басып келмек эмесмин, казактар боору таш болот деген чын экен…

- Кой садага, качам деген ойуңдан кайт, мына баары турат, курсагың ток, кийимиң бүтүн эмне жетишпей атат?

- Магабы?! - Курман ордунан тура калып жаштуу көздөрү менен Сейилканды тикирейе тиктеп ызалуу үн катты, - Мага ата-эненин мээрими жетишпей атат, энеңдин бир тууганы энеңдей, атанын бир тууганы атаңдай болбойт экен, жетимдигимди билгенге жүрөгүм ооруп турат!

- Садага, көлөкөм! - Сейилкан аны кучактап алып өксөп ыйлап жатты, - Эмне кылайын эми, силерди өз баламдай асырайм деп ойлогон элем. - ушул учурда Мариям ыйлап кирип келди:

- Эжеке мени, бир кыз жетимсиң, тоголок жетим деп урушту.

- Ким экен ал? - Сейилкан ордунан туруп Мариямды бетинен өөп сооротту, - алар каяктан укту, кайсы шүмшүк айтып жүрөт?

- Аны балаңыздан сурап алыңыз! - Курман тике айтты, анда кыжырдануу пайда болду, ойунда Данияр менен мушташып аны өзүнө өйдө карагыс кылып алгысы келип турду, бирок өздөрү үчүн канатын төшөй калып балапанын коргогон чымчыктай чырылдаган таежесин балалык сезими менен аяп кетти.

- Эмне дейсиң, Данияр айтып жүрөбү? - Сейилкан селдее түштү, баласынын кыялын билчү, ал турсун келгенден бери жактырбай жүргөнүн да билет. Аңгыча сырттан кирген Касен:

- Жетимди жетим дейт да, ага эмне мынча тызылдап атасың, эчтеке болбойт, көнүп кетишет, - деп төркү үйүнө кирип кетти, Курман таежесин карап үндөбөй отуруп: "мен кетишим керек, казактарга кор болгончо, өз үйүмдө, көнгөн айылымда жашайм" деп ойлонуп таежесин аяп карады. Сейилкан Мариямды кучактаган бойдон көзүнүн жашын агыза "бекер кылган экемин, өзүнүн туугандарында болгондо мынчалык сөз укпайт беле?" деп ичтен сызып отурду.

Убакыт өтө берди, Сейилкан Даниярды тилдеп койгондон бери Курманга тийишпей кадимкидей достошо түшкөнсүдү, бирок Курман өзүнчө үйүнө кеткиси келип алардын турмушуна көнө албай кыйналып Мариямды кыйбай эле жүрө берди. Мариям улам чоңойгон сайын көздөрү бакырайып татынакай болуп өсүп баратты. Сейилкан аны өз баласынан кем көрбөй аздектеп эжесинин арбагы үчүн колунан келишинче тарбиялап жатты. Билинбей арадан төрт жыл өтүп Данияр менен Курман керилген жигиттерден болуп калды. Курман сабактан жакшы окучу эле казак тилин өздөштүргөнчө абдан кыйналды. Ал тогузду бүтүп эле таежесине кеңешип жумушка орношуп алды. Эртең менен эрте кетип кечинде кеч келет, Данияр болсо достору менен жүрүп кечинде көпчүлүк убакта кызуу келет. Ата-энеси анын тагдырын ойлоп кыжалат болуп өздөрүнчө кыжы-кужу болушчу болду. Зыңкыйып иштеп өз кийимин таап Мариямга да каалагандай алып берип окуусуна көз салып турган Курманды көрүп уялып, намыстанган жездеси аны көргүсү келбейт. Мариям алтынчы класска окуп кол аякка жарап калган. Сейилкан анын чачын жууп өзү өрүп берчү, узун эки өрүм чачы кызды эмитен эле көркүнө чыгарып турат. Данияр аны негедир суктана карачу болду. Ичинде кандай арамы бар экенин эч ким билбейт. Ошол күнү Сейилкан бир жумушу менен кеткен, сабактан келген Мариям чечинип, чай койуп ичип эми сабак даярдоого киришкен эле, кызуу абалда келген Данияр анын төркү үйдө экенин көрүп акырын колуна бычак алып алды да артынан кирди. Аны көргөн жаш кыз этибар албай кайра артына бурула бергенде колуна бычак алып өзүн көздөй келаткан Даниярды көрүп бакырып ийгенде ал келип оозун басып коркутуп кирди:

- Үнүңдү чыгарба, кыйкырып же каршылык көрсөтсөң өлтүрүп салам! - Мариям титиреген бойдон өзүн жоготуп койду эле аны каалаганча черден чыга уйпалап туруп төшөк салып жаткырып койду. Өзү кайдадыр кетип калды. Мариям тээ бир топто эсине келди, бирок эти от-жалын болуп ысып калыптыр. Сейилкан кеч келди, Мариямдын төшөктө жатканын көрүп, "капырай чак түштө жатчу эмес эле, буга эмне болгон, ооруп калдыбы?" деп жанына келип бетин ачып көрүп чоочуп кетти. Жүзү кубарып, кара терге түшүп онтоп жатыптыр.

- Майраш садагам, эмне болду сага? - үйрүлүп түшүп турган Сейилканга анын жооп бере турган алы жок эле, кыңылдап гана аткан. Эси чыгып врач чакыртты, аңгыча Курман келип анын абалын көрүп аябай коркуп кетти. Врач келип текшерип көрүп эле ооруканага алып кетүүгө көтөрүп жөнөгөндө кийиминин баары кан болгонун көрүп иштин чоо жайын түшүнүштү. Дароо эле аялдар бөлмөсүнө алып барып кыздын аесуз зордукталып, жатыны үч-төрт жеринен айрылып, жамбаш сөөгү ажырап кеткенин далилдешти. Сейилкан эмне кыларын билбей ботодой боздоп өз баласынын ушул ишти кылганына көзү жетпей турду: "кантип, кантип ушуга барды, кара чечекейимди ушуга барат деп ойлодум беле, атасы укса эмне дейт, Курман аны эми соо койбойт". Врачтар кыздын зордукталганын, экспертизадан кагаз алып сотко ашырууга милиция чакырышты. Он экидеги жаш кызды өлтүрүп койо жаздаган экен. Данияр үйүнө келбей дайынсыз жоголду. Курмандын күйүтүн айтпа, Даниярды көрсө кескилеп өлтүргүсү келип атты. Мариям бир аз өзүнө келсе да сүйлөбөй жалдырап жата берчү болду, аздап зордук менен тамактанганы менен Курман менен Сейилкан кашына келсе да эч нерсе сезбегендей жата берет. Орган кызматкерлери кыздан тактап сураганы келсе да эч нерсе сезбегендей жалдырап жатканы жаткан, нез болуп калгандай унчукпайт. Курман менен Сейилкан анын жанынан чыкпайт. Касен болсо жалгыз уулунун кылыгынан баш көтөрө албай ойлонуп жатып кан басымы көтөрүлүп ооруп калды. Сейилкан байкуш бирде үйүнө чуркаса бирде ооруканага жүгүрүп эзилип бүттү. Мариямды "жамбаш сөөгү башынан ажырап кеткен" деп гипске салып койушту. Бирок андан жылыш болбоду, денсоолугу акырындап калыбына келген менен ал такыр сүйлөбөй калды. Врачтар аны "катуу коркуп калган, акырындык менен өзүнө келет" дешти. Сейилкан Курмандан тартынып тике карай албай: "эжеңдин арбагын сыйлаганың ушулбу, карындашымды кордоп койуп балаң дагы бир жерде чардап жүргөндүр" деп айтат деп сүйлөй албай кайпактап андан өзүн алыс кармап жанына тура албай калды. Эстүү болуп, жаман жакшыны түшүнүп калган Курман таежесинин абалын көрүп ооз ача албады: "баары бүттү, болор иш болуп бойосу канган соң таежемдин жүрөгүн оорутуунун кереги не, ордуна келмек беле?" деп жүрөгү зырп этип сайгылашып алат да улутунуп тим болот: "Эмнеси болсо да аман калганы жакшы болду, ордунан туруп сакайып кетсе үйгө алып кетем" деп ичинен өз ойун бышыктап алды. Даниярдан болсо дайын жок, милиция издесе да табылбады, Курман болсо таежесинин көңүлү үчүн: "кечтим, карындашым аман калды болду, бөлөк эмеспиз бөлөбүз" деп арыз жазбай басып койду. Ошондогу Касендин Курманга жалынып ыйлаганы, ыраазылыгын билдирип алкаганы башкача болду:

- Уулум, азаматсың акылдуу жигит болдуң, бөлөң ошондой акмак болду, арга канча, карыганда бизди бакпайт көрүнөт, акылы жок болуп калды, - деп Курманга кайра-кайра батасын берип атты.

- Кантейин, ушул уулумдун жашоосу үчүн канчалык далбастап кара жанымды карч урбадым. - Сейилкан бышактап отурду.

- Курман айланайын, Майраш жакшы болуп кетсе бир серке сойуп кудайы кылалы, эшиктин алдында таежең айткан Даниярга деп жыйган мал турат, каалаганыңча сатып ал балам, - Касен чын пейилинен айтып жатты. Ал дале болсо жалгыз уулун ойлоп: "түрмөгө түшүп калса оңолбойт, эптеп кагылып согулуп адам болуп кетер беле, эми Курман карайып туруп алса эмне болоор экен?" деп сарсанаага батып жүргөн эле, көңүлү жайланып, чечекейи чеч болуп отурганы ошондон экенин жаш болсо да Курман жаземдебей билди.

- Тайжезде, чынын айтсам таежем экөөңөрдү сыйладым, эгер башка бирөө болгондо дүйнөнү түрө кыдырсам да таап өч алмакмын, айла жок! - деп улутунуп жиберди.

- Ыраазымын уулум, бир аз болсо да колумда жүргөнгө өз баламдай эле көрүнүп калдың.

Мариям үч ай дегенде жүрүп кадимкисиндей басып калганы менен сүйлөбөй калды. Сейилкан бирдемелерди айтса жалдырап карап туруп берет. Ошондо анын жүрөгү сыздап ага көрсөтпөй ыйлап алат. Ар күнү бир-эки саат жанында болуп тамак берип үйрүлүп түшүп турган Сейилканга врач кирет.

- Эже, кызыңыз жакшы болуп калды, эки, үч күндө чыгарабыз, жакшылап караңыз, - Мариямга карады, - Ой сулуу кыз, эркелей бербей жакшы болуп кет эми, - деп эркелете чачтарынан сылап койду.

- Карабай анан, муну карабаганда кимди карайм, уулум, деги сүйлөп калаар бекен, бир тууган эжемдин кызы, ата-энеси экөө тең авариядан өлгөн, бирөөгө кор кылбайын деп алып келип алып ушул абалга туш кылдым, - Сейилкан бышактап ийди, - туугандары укса эмне дейт, келечегине кыйын болуп калат го?

- Жок эже, эч нерсе болбойт, азыр бул жаш, катуу коркуп өзүн жоготуп койгон да, эми бир сүйлөсө катуу чоочугандан бир сүйлөйт, көрөсүз го чоң кыз сүйлөгөндө тим элеби? - врач тамашалай сүйлөдү. Ушул учурда Мариямдын көздөрүнөн тамчы жаш куйулуп атты. Канчалык азап тартып жабыркап турса да баарын түшүнүп тили гана сүйлөөгө келбей жатканын көрүп тигил экөө үндөбөй калышты. Көптөн кийин Сейилкан врачты карады:

- Оозуңа май айланайын, өлгөндөн калган керээзди жаркылдатып катарга кошсом арманым жок эле…

- Кошосуз эже, бул жаш немени катуу коркуткан, болбосо мындай болмок эмес, көп кейибеңиз, денсоолугуңузга да караңыз. Бул тагдыр, ар бир пенде маңдайга жазгандан качып кутула албайт да, - врач кетмек болду, - Эми сизге кудай кубат берсин.

- Рахмат уулум, колуңдан эчендеген оорулар айыгып алкыш алып жүрө бер айланайын.

- Сизге да чоң рахмат, жакшылап караңыз.

- Болуптур, балам, - врач чыгып кеткенден кийин Сейилкан Мариямдын чачтарын сылап, бетинен өптү, - кызым жүрү эшикке чыгып бир аз сейилдеп келели, жата берип зериктиң. - Мариям башын чайкап койду суз гана, - Олда кагылайын ай, эми эмне кылайын, шордуу балам өз күнөөсүнүн айынан атасынан коркуп үйгө келбей дайынсыз жүргөнүнө менин энелик жүрөгүм сыздап, тынчсызданып жатпайымбы, ошончолук айбан болсо да ичтен чыккан ийри жылан деген ошол экен да, - Сейилкан үңүлдөп, буулуга ыйлап жатканда Мариям анын көзүнүн жашын колу менен аарчып, башын чайкап: "ыйлаба" дегендей боору ооруп таежесин аяп мөлтүлдөгөн көз жашы шүүдүрүмдүн тамчысындай мөлт этти. Сейилкан аны кучактап алып бугу чыкканча жаш баладай солкулдап атты. Айткандай эле үчүнчү күнү ооруканадан чыгарып келди. Келгенден сабагын окуп бирок көпчүлүк убакта мелтиреп ойлонуп олтура берчү болду. Ан сайын бардык убактысын жалгыз Мариямга бөлгөн Сейилкан анын жанында. Китептерди сатып келип берип, гезит, журналдарды көп окуганга шарт түзүп ойлонбой, алаксытканга аракеттенсе да бир калыпта жүрө берет, жаш болгону менен ошол окуядан кийин Мариям абдан токтоо болуп ар ишти акыл калчап жасоого аракеттенет. Анткени ооруканада дагы үйгө келгенден кийин да: "жаштайымда чырпыктай кыйылып, чымчыктай чырылдап кордолдум, эми мага жашоонун эмне кереги бар, андан көрө өлгөнүм артык го, мектепке да бара албайм, кайсы арыма окумак элем, кыздар балдар мени шылдыңдашат, мазакташат, кантип чыдап окуйм?" деп жан дүйнөсү тарып кең аалам ал үчүн заматта чымчыктын уясынан да тар болуп өзүнө өзү батпай буулугуп кетет, "Чымчыктын уясында чоңойгон балапандарча эркин учуп, уяда бактылуу чоңойо албадым, мага караганда кичинекей уяда өскөн балапандар кыйла өйдө го?" деп улутунуп алат. Сейилкан күйөөсү Касен экөө аны көзү ачыктарга көрсөтүүгө кеңешип ошол эле шаардагы белгилүү көзү ачыкка каршы болгонуна карабай алып барышты. Орто жаштагы аял аларды карап:

- Кыздын өзү кирсин, - деди эле Сейилкан ага түшүндүрүп айтты.

- Сиңдим, мен кошо кирем, өзү сүйлөй албайт, мен жардам берейин, угайын.

- Макул эже, отургула, - көзү ачык бир топко көзүн жумуп теспесин тартып отурду да анан кызга карады, - Бул кыз аябай бактылуу болот… бирок арам иш менен жетет ал бакытка. - дегенде Сейилкан ага жини келе минтти:

- Анысын кайдан билдиң, ушул жаш кызга ошентип айтканың кантип болсун?

- Эже, буга чейинкиси айтпасам да өзүңүзгө белгилүү экен, тагдырын көрүп атпайымбы, эч чоочубаңыз, эки-үч күндө бир коркунучтан улам сүйлөп кетет. А чынында арам оокат табуу жолунда турат.

Сейилкан эмне дээрин билбей калды, врачтын: "катуу коркуудан же сүйүнгөндөн сүйлөйт" дегени эсине түшүп: "капырай деги эмне болуп кетет, коркунучтан дегени кандай, эмнеден коркмок эле?" деп санаага берилип туруп калды.

- Ээ айланайын, эмнеден коркмок эле, дагы кандай балээ болгону турат, айтчы ачыгын?

- Эч кандай балээ жок, болгону бир коркунуч бар, чочулабай эле койуңуз, - көзү ачык көзүн сүзө жооп берип, теспесин тартып отуруп сүйлөп жатты, - Баары жайында болот эже, абдан жакшы.

Сейилкан көзү ачыктын айткандарына алымсынбай күдүк ойдо үйүнө келди: "Туугандары укса эмне дейт, Курман да ичинен сызып акчасын топтосо эле үйүнө кеткенге аракеттенип жүрөт, кетсе муну биякка таштабайт, сураганга эмне деп жооп берет?" деп ичинен ирип кыйнала берди. Бирок ушул эле учурда уулун да каргай албайт, эгер башка бирөө болгондо жаман болмок: "каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң" деген ушул тура, улутунуп каректери жашка толуп ойчул болуп кетти өзү да. Эч кимге айтпаган арман, жан адамга ачылбаган сыр болот эмеспи. Эмесе Сейилкан дал ошондой ооруга чалдыкты. Кызды күнөөлөйүн десе анын серпилип жигиттерге каш кага турган убактысы келе элек эле, анан да өзү деле бир мүнөздүү, тазалыкты жактырган, жумшак, кыялданганды жакшы көргөн он экидеги секелекти кантип күнөөлүү дей алат? Элибизде: "бир колумду тиштесем бири ооруйт, бирин тиштесем бул да ооруйт" дегендей экөөнү тең кыя албай, бирине кантип көңүлүн жубатаарын, бирин эмне деп жаман сөз айтаарын билбей ортодо чайналып жүрдү. Ошол күнү Сейилкан өзү кичине сыркоологонсуп эти ысып жатып алган. Мариям сыртта өзүнүн кирлерин жууп отурган болчу. Дарбаза ачылып Данияр кирип келатканын көргөн кыз "апа - апа!" деп эле аттап буттай үйгө кирип келди. Чоочуп кеткен Сейилкандын жүрөгү "болк" эте ордунан кандай турганын билбей калды.

- Садага болойун Майраш, сага эмне болду, неден корктуң кызым? - деп Мариямды кучактап көзүнүн жашын аарчып өөп атты.

- Данияр! - мышыктан коркуп бүрүшкөн чычкандай калтырап калган экен.

- Эмне дедиң, сен сүйлөдүңбү кызым, Данияр дейсиңби, ал келдиби?

- Ооба, - кыз калтырай жооп берди.

- Кана, кайда жүрөт? - Эне эмеспи, көптөн бери көрбөгөн уулун сагынган эне жүгүрүп алдынан чыккысы келди да: "капырай ал келсе, кечинде Курман да келип бирин-бири өлтүрүп койбогондой эле, андан көрө аны үйгө киргизбей эле кетирейин, айылга булар кеткенден кийин деле келээр" деп сыртка арыш таштады.

- Сиз кайда таеже, мен корком, жалгыз таштабаңыз! - Мариям көзүнүн жашын мончоктото артынан басты эле Сейилкан эмне кылаарын билбей аны кучактап туруп калды бир топко чейин. Данияр үйгө киргенге батынбады, ата-эненин жүзүн көрүү ал үчүн өлүм эле, бирок келбегенге да болбой калган, баягы ата-энесинин колунда каалагандай жүрүп иштеп табууну билбеген неме кыйналганда аргасыз келген. Сыртта көрүнбөй мал сарай жакта басып жүрүп: "мен акмакмын, туура эмес кылдым, апамдын жүрөгүн да оорутуп, эгер Курман мени көрсө сөзсүз соо койбойт, а үйлөнүп алсамчы, жаш да, болбосо бөлөгө үйлөнсө болот да" деп чар жайыт ойлорду ойлонуп үйгө киргенге даабай акыры эч кимге көрүнбөй кетип калууну ойлонду да шырт алдырбай чыгып кетти.

Сейилкан эшик шырп этсе эле Даниярынын кирип келатканы, келип өзүн кучактап эркелегени көз алдына келип ойу бөлүнө берди, күттү… Бирок уулу караанын көрсөткөн жок.

Мариям кадимкисиндей сүйлөп, оокат ашты жасап жакшы болуп калганда Курман айылга кетүүнү туура көрдү:

- Таеже, эми биз айылга, өз үйүбүзгө кетели, бир аз акча жыйдым, барып үйдү ремонт жасайын, канча жылдан бери киши кирбеген үйдүн тамтыгы кетип калгандыр, силерге өмүр бойу ыраазымын, бизди ушунча жыл багып тарбияладыңар.

- Садага болойунум ай!!! - Сейилкандын жүрөгү сайгылашып, Курмандын айткандары жүрөгүнө бычактын мизи кокус тийип кеткендей зырпылдап алардын алдында өзүн күнөөлүү сезип, ал турсун Курмандын айткандары какшыктай сезилип атты. Муну Курман менен Касен, Мариям деле сезип турушту, бирок эч нерсе дешпеди. Не демек, баары айтпаса да көрүнүп эле турган. Курман карындашынын кадимкисиндей болуп сүйлөп калганына кубанганы менен анын тагдыры бүдөмүк болуп ичинен өкүнүп атты. Камынып бүтүп алар менен кошо Сейилкан да бармай болду. Мариямдын - денсоолугу калыбына келген менен жүрөгүн өйүгөн арман, өкүнүч, өксүк менен кетип баратты: "Мен эми башкалардай болуп жадырап жүрө албайм, күлө албайм, мектепке окуй албайм, ата-энем өлгөндө эле неге өлүп калбадым экен, кудай ай!" деп ай ааламды жаңыртып, айгай, салып өксөп алгысы келет, жаш болсо да келечеги, тагдыры талкаланганына боз торгойдой боздоп бу дүйнөдөн учуп кеткиси келет, бирок өлүм деген түрү суук, кулакка жаман угулган, бүткөн бойду дирт эттирген, канчалаган пенденин жашын алган каргыш тийгирден коркту, өз жанын өзү кыя албады, алсыздык кылды. Таксиде бир нерселерди сүйлөшкөн менен ар кимиси өз ойлору менен алек болуп кетип жатышты.

Айылга келээри менен Курман эмгеги менен таап келген акчасына ата-энесине куран окутуу үчүн бир кой сойду, коңшу-колоңу, ага туугандары алардын келгенине кубанып, мындан аркы жашоолоруна тирек болоорун айтып ыраазы болуп атышты.

- Мына, атанын баласы деп ушуну айтат, сенин уйуңдун торпогун уй кылып эки баш кылдым, койлоруң бир уулум, арбак үчүн сенин келээриң менен берейин деп күтүп отурам, "жетимдин акысы, зыгырдын огу" деп койот, эми баарын өзүң алып багып оокатыңды жаса! - Жаманкул үнүн бийик көтөрүп төрдө отурду.

- Ошону айтсаң, Өсөр абдан жакшы киши болчу, силерди кандай кылып гана бакпады, өмүрлөрү кыска экен шордуулардын, эми силер чоңойдуңар, таежеңе ырахмат жетимдей кылбай жетилткен, - кошунасы муну айтканда Сейилкандын башы шылк дей түштү, Курман аны да байкады, бирок билдирбеди. Тек бөлөсү Даниярды ичинен жек көрүп, сөгүп таежесин аяп атты.

- Мына уулум жыйырмага келдиң, үйлөнөөр кезиң болду, жаш болдуң, жетимдин кийимин кийгизбей бакканы көрүнүп турат, үйлөн биз жардам беребиз, - Жаманкул чын дилинен айтып жатты, - Аскерге кеткиче үйлөн, Майраш менен келин оокатын жасап турат, биз көз салабыз.

- Апа, мен азыр үйлөнбөйм, үйдү жаңыртып, адам катарына кошулайын, анан үйлөнөм.

- Мейли уулум, өзүң бил, аскерге чакырып калса кете бересиңби?

- Войонкоматка ата-энесинин өлгөн кагаздарын арыз менен тапшырса албайт, карындашың карасын деп сельсовет менен сүйлөшсө деле справка берет.

- Ооба-ооба, десең, чычкандай кыз турса аскерден калтырып койот. - Ошентип куран окулуп бата кылынгандан кийин ар кимиси өз билген акыл насааттарын айтып анан тарашты. Алар кеткенден кийин Сейилкан жүрөгүн өйүгөн ойун сыгылып отуруп акыры айтты:

- Курман, садагам, эми Майрашты мектепке алып барып киргизип койолу, окуудан өксүп калбасын, ансыз да үч, төрт айдан бери калып калды, жакында каникул да болот.

- Таеже, аны мен да ойлоп атам, окубаса болбойт, бирок жел менен кошо учкан ушак элге жетип калабы, бири болбосо бири ыза кылып койобу деп ойлойм… - Бул учурда Мариям сыртта болчу, ал кирип келатып алардын сөзүн угуп үйгө кирип токтоо дасторкон четине отурду да жай сөз баштады:

- Таеже, мен мектепке барбайм, кантип барам, ким караса да мени шылдың кылып жаткандай болуп өзүмдөн өзүм корунуп кантип окумак элем?! - Сейилкандын жүрөгү дагы "зырп" этип алды: "каран күн ай, чунак балам ай, башка бирөө болгондо мынчалык эзилбейт элем го?"

- Майраш садага, баарын унут, ал келесоого да кудай көрсөтөөр, окубасаң болбойт, алтынчы класска барып окуй бер, мен сага сөз тийгизбегенге аракет кылам, анын үстүнө ал сөз тээ алыста калды, экинчи мындай сөздү кулагым чалбасын, теңтуштарың менен ойноп күлүп эч нерсе болбогондой мектепти бүтүрүшүң керек! - Курман кабагын бүркөй Мариямга атасы буйрук бергендей ойлуу сүйлөдү. Сейилкан да, Мариям да үндөбөдү. Ушуну менен Мариямдын тагдыры чечилип окууга бара турган болду. Эки-үч күн өткөндөн кийин Мариям чындап эле мектепке кирип окуй баштады. Бала эмеспи, адегенде коркуп, корунуп жүрдү эле кийин эч нерседен капарсыз болуп өткөн азап, кайгы түш көргөндөй унутула баштады. Курман аны көрүп кубанып калды. Өзү үйүнүн үстүн ачып кайра жаап заңгыратып оңдоп, жыйып келген акчасына үй ичин оңдоп алды. Жети, сегиз жыл киши кирбей кулпуланып турган үйдүн ичиндеги буйумдар чаң болуп көөнөрө түшкөн экен, анын баарын жаңырттырып койду. Айылдагы бекерчи келин-кесектерге акысын берип жасашты. Бат эле үйдүн көркү ачыла түштү. Жаманкул ал үйүн оңдоп атканда козусун сойуп тамак-ашын жасатып турду. Эл аны аңыз кылып: "тууган болсо Жаманкулдай болсун, жетимдерге өз баласындай каралашып, баш көз болуп атат, арбакты сыйлады" дешип кеп кылып атты. Ошол күздө Курман Алмагүлгө үйлөндү. Ал эки үй арыраак жашаган коңшусу эле, эки жаш кичүү кыз Курман үйүн оңдоп жатканда ага тамак жасап келип, кирин жууп берип айланчыктап эле калган. "Майраштын бир аз жаштыгы бар, жууса жууп турсун" деп Курман ичинен ойлоп алчу. Ошентип жүрүп ал келбей калса өзү жол кароочу болду. Көрсө бир бирин тымызын сүйүп жүргөн тура. Кыздын ата-энеси аларга каршылык кылбады, жетим деп чанбады, кыязы анын оокатка тыңдыгын ойлодубу же кызынын жакын жерде болушун кааладыбы, мүмкүн айылга кадыры бар, Жаманкулдун көңүлүн кыя албадыбы, макулдугун берип үйлөндүрүп койушту. Алмагүл абдан тың, оокатка бүйрө, колунан да тилинен да келген кыз эле. Мариямды жумуш жасатпай сыйлап келген күндөн баштап эле:

- Кыз бирөөнүн бүлөсү болот, сен биздин үйдө коноксуң, сабагыңды оку, каалаганыңдай жүр, эртең күйөөгө тийсең сенин арманыңды укпайын, атам энем болбогондон кийин жеңе ушул экен да деген.

- Койуңузчу жеңе, анча мынча жардам бергенден эчтеке деле болбойм го, кылганым өзүм үчүн эле эмеспи.

- Кой кызыке, жеңеңдин доорунда ойноп күлүп алсаңчы, андан көрө алаксыбай сабагыңды оку, окуп калсаң шаардан биздин "чоң" кызыбыз келет деп тосуп, алганга жакшы, - Алмагүл тамашалай күлдү.

Мариям абдан жакшы, акыл эстүү, өңдүү түстүү болуп келатты. Ага жеңеси аны өз ойу менен каалаганын алып берип ата-энеси жоктой болгон жок, болгону өткөн бул окуя гана, Даниярдын элеси көз алдына келгенде жаш жүрөгү "болк" этип алып, каралуу көңүлү жел учурган күзгү жалбырактай дирилдеп, жан дүйнөсү жабыркап өзүн койоорго жер таппай кетет. Арадан агын суудай аркыраган убакыт өтүп, өткөн күн эскиргени менен так калып калган. Ал айыкпас дарт, кетпес так экени өзүнө гана белгилүү да. Курман уулдуу болду. Ал үйлөнгөндө таежесин чакырган эмес, уулдуу болгондо гана чакырды. Телеграмма алган таежеси менен тайжездеси келип калышты. Алар таарынып, капа болуп:

- Өз бир тууганың болбосо кыйын экен да, энем байкуш кыймыл этсе алыстыгыма карабай алдырып алаар эле, үйлөнгөнүңдө чакырып койсоң келип калат элек го? - Сейилкан таарынычтан көзүн жаштап отурду.

- Эже, жетише албай калдым, мына эми экөөнү бирдей көрүндүк берип көрө бериңиз, - Курман тамашалай сүйлөдү. Аңгыча койдун эти бышып коңшу-колоңу, туугандары да келип калды. Жакшы сөздөр, каалоолор айтылып наристеге узун өмүр каалап атышты. Курмандын тыңдыгын, акыл эстүүлүгүн баса белгилеп туугандары ыраазы болуп отурду. Бир кезде жакын коңшусу:

- Эми Майраш кудай буйруп жакшы жерге барып бактылуу болуп, орун очок алып алса жетимдиги билинбей эле калат, арка болоор агасы бар, бул айылда менменсингендердин балдары оокат кыла албай ар кайсы жакта жүрөт.

- Ээ Майрашым кудай өмүр берсе ушул айылдын кыздарынын асты, эстүү, өңдүү түстүү, ойдогудай жер болбосо, жигит жакшы болбосо кызды бербейбиз, калыңды катуу бычып койсок өздөрү деле даай албайт, - Жаманкул өз кызындай эле Майраш менен сыймыктанып отурду. Ушул учурда Майраш жыла басып сыртка чыгып кетти эле Сейилкан менен Курман купуя тиктеше калды.

- Анан эмей, ансыз деле төмөнкү айылдык бирөө ала качам деп айткан экен, аны мен кечээ эле угуп калдым.

- Ким экен ал, ала кача турган болсо таарынбасын, окутам! - Курман жиндене сүйлөдү.

- Ээ Курман-бай, кыз деген бойго жетти дегенче ар жактан күйөө чыга берет, - Жаманкулду, отургандарды кыдырата карады Касен, - Кыздын башы бош эмес, мен Майрашты жалгыз уулума энчиктеп койгом, эки үйдүн эркеси болуп, Курманга канат, бутак болуп жүрүшсүн, "койундан түшсө кончко" дегендей эки бөлөнү үйлөндүрүп койойун дегем, болбосо арабыз алыстап балдар катышпай бөтөн болуп калыша турган. Эки бала үйлөнсө силер да барып эшик төрүбүзгө отуруп, сыйыбызды көрүп келесиңер буйруса, - Касен айланып келип Курманды сын көз менен карады.

- Жезде… - Курман сүйлөйүн деп келатканда Касен аны колун көтөрө токтотту:

- Курман, айланайын, сен эстүү жигитсиң, "сөөк жаңыртуу" деген салт бар, минтип эки бир тууган эки жакта болуп эжем өлгөндө келе албадык, силер жаш болдуңар, дарегибизди билбегендиктен кабар жетпеди. Куда сөөк болуп алсак жакшылык жамандыкта бирге болобуз, кайгы кубанычыбызды бирге бөлүшөбүз, - Касен токтоо сүйлөп жатты. Ушул учурда Курман таежесин көз оту менен ата карады: "бул эмне кылганыңар, жаңыдан айыккан жараны тырмап, эскирген окуяны эске салганыңар, Майраш укса кандай акыбалда калаарын ойлодуңарбы, зөөкүр балаңарга кантип берем?!" деп жүзү кубара жездесин ачуусу келе да бир карап отуруп калды. Элдин көзүнчө эч нерсе дей алмак эмес.

- Балам, тайжездең туура айтат, "жакшыны жатка чыгарба" деген жакшы сөз бар, Майраш жаман кыз болсо тайжездең бул сөздү айтмак эмес эле. Карындашыңдын багын тиле, - Жаманкул калыс боло сүйлөдү.

- Болбойт, туугандыгыбыз эле жетет! - Курман кесе сүйлөдү, - Майрашты окутам.

- Макул эми айланайын, бир тууган киши өзүңөр билесиңер, бирок кыз бирөөнүн бүлөсү болот, кимдир бирөөгө келин болот акыры. Буудайдын барар жери тегирмен дегендей… - коңшу аял сөзгө аралашып калыстык сөзүн сүйлөдү.

Ары кетип, бери кетип али мектепти бүтөөрүнө дагы эки жыл калган Майраштын тагдырын чече койо тургансышып ар кайсыны айтып отуруп жентек той да акырына чыгып туугандары менен жакын коңшулары кетишти. Өздөрү калганда Сейилкан сөз баштады.

- Садага кетейин десе, жездең тура айтат, мына эки көздөй болгон, бир уядан өскөн кыз элек, эжем өлгөндө алыстыгыбыздан дарегибизди эч ким билбей көзүн көрбөй калдым го? Биз Майрашты келин кылып алсак мурункудан да жакын, сый болуп ат тезегин кургатпай катташып турабыз, - Сейилкан Алмагүлдүн көзүнчө: "Эгер биз Майрашты алып кетпесек, бирөө жарым ала качып кетсе шерменде болобуз, ал да тийген күйөөсүнө өйдө карай албай корунуп калбайбы, сөз бизге да сага да тийет, жетим болуп өзүн өзү билип бузулуптур деген кепке калат, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын деп атабыз" дегенди айта албай жээнин жалдырай карады. Мариям буларды угуп турду: "Менин тагдырым эмне болоор экен, чын эле ала качып кетсе бузулган жетим деп мени басынтышат го, кудай ай, Даниярга өлсөм да барбасмын, анын жүзүн көргөнчө өлүп алганым жакшы" деген ойдо сыртта туруп ыйлап атты.

- Ошондой Курман, экөөң тең эле өз баламдай болуп калдыңар, "Кызды сураганга, кымызды ичкенге бер" деген сөз бар, эмки жумада келип сөйкө салып кетем, жок дебе! - Касен сырдуу карады Курманды, - Биз Мариям экөөңөргө жамандык каалабайбыз, - көз карашы менен билдирип, салмактуу айтты Касен, - Кыз бойго жеткенде сенин өлтүрөм дегениңе карабай жула качып кетет, алдын алып сөйкө салып койолу.

Курман таажездесинин жүйөөлүү сөзүнөн кийин лам дей албады: "Чын ала качып кетсе абийирибиз төгүлөт да, Майраш өзү чечсин" деп ойлоп отуруп калды. Сейилкан эшикке чыгып ыйлап турган кызды саамайынан сылай эки бетинен өөп ары караңгы жакты көздөй колтуктай басты.

- Майраш, анда акыл токтотот элек жаш кыз элең, эми бойго жетип калдың, кокус айылдан бирөө жарым ала качып кетсе бузулган кыз деп уятка каласың, агаң Курмандын эл караган жүзү жер карап сөзгө сөлтүк болуп калат. Андан сени биз сөйкө салды кылып алып кетели да ошол жактан Бишкекке эле окууга киргизип койолу. Элдин көзүнчө айтканы ошол жездеңдин, Данияр болсо адам болуп токтолуп, үйдөн чыкпай, ичпей да чекпей да калган, сенин намысыңды гана ойлоп атабыз.

- Эжеке, эмне кылышымды да билбей калдым, балдар сүйлөсө да башка кыздардай болуп сүйлөй албайм, менин бул жашоодо жашагым да келбей калды. - Мариям үңүлдөп ыйлап Сейилкандын төшүнө башын жөлөп солуктап жатты.

- Эчтеке эмес каралдым, бул күндөр да өтөт, сен өз жолуңду таап, үйбүлө күтөсүң.

- Жо-ок эже, мен жашоодон тажап барам, ар күнү улам чоңойгон сайын жүрөгүмдүн башында бир айыкпас дарт бардай өйүйт да турат.

- Антпе садага, убакыт алмашылган сайын баары өтүп унутулуп, эскирип көргөн түшүңдөй болуп калат, кайраттуу, көтөрүмдүү бол айланайын, - Сейилкан Мариямдын башын тизесине койуп тамдын артында көпкө отурду. Алар үйгө киргенден кийин Касен менен Курман эшикке чыкты. Сейилкан айтканды ал да ага түшүндүрө айтты эле үндөбөй угуп муйугансып калды. Ошентип алар бир туугандарча бүтүм чыгарып, жаз алдында каникулга тараарда келип сөйкө салып эл чакырып той берип анан кызды алып кетмей болушту. Майраш да аргасыз макул болду. Кыз баланын тагдыры ата-эненин колунан тийген күйөөсүнө өтөт эмеспи. Курман карындашынын ушундай жазмышка туш болуп калганына ичтен түтөп санаага батып кээ, кээде ичип койчу болду.

Күндөр өтүп Мариямдын мектепти бүтөөр кези келди. Ошол кезде сойуз ыдырап, айылдарда он беш жаштан эле ала качмай башталган убак. Мариямды Курман мектептин директоруна сүйлөшүп килейген кой берди да экзамен тапшыртпай, үйдөн чыгарбай эле аттестат алганы турганда Касен менен Сейилкан Даниярды алып келип калышты. Канчалык жаман көрүп турса да Мариям ичинен сызып агасы Курманга ишенип үндөбөдү. Алар эл чакырып сойушун сойуп сөйкө салды каадасын жасап, үч күндөн кийин Казакстанга жөнөмөй болушту. Эки жаштын урматына айтылган каалоолор алардын кулагына кирбеди, экөө эки башка ой менен алпурушса Курман андан бетер түнөрүп отурду. Кабак ачып кубанбаганын көргөн Жаманкул менен туугандары коңшу-колоңдору ич арасында кандай окуя барын кайдан билишмек. Болгону: "Майрашты бөлөсүнө бергиси келбей жаткан тура" деп жоруп койушту.

Мариям болсо "эптеп абийирим жабылып калса, шаарга окуп алсам Даниярга колумду карматпайм, айылдан шерменде болбой чыгып кетсем болду" деген ойдо эч нерседен кабатыр болбой калды. Сейилкан анын үндөбөгөнүн, кабагы жайында экенин көрүп: "байкушум тагдырына таарындыбы же аргасыз көндүбү, мүмкүн Даниярды өзү деле жактыраар" деп ойлоп анын баарына кайдыгер болуп отурганына түшүнө албай отурду. Кызга сөйкө салып ырым-жырымын жасап бүткөндөн кийин апапак волга менен Мариям үйүнөн узап баратты, машинаны узата карап турган Курман колун булгалай көзүнө жаш кылгыра Мариямга боор тарта: "кагылайын бир боорум, багың эле ачылса экен, кантейин жаштык кылып гана калдым, болбосо чегиртке кондурбас элем" деп ойлуу туруп калганда Алмагүл жанына келди. Ал ич арадагы сырын билчү эмес, Курман ага эч нерсе айтпаган: "катын душман, билбей эле койгону жакшы, эгер билсе желдей тарап кетиши мүмкүн, ал үчүн мен дагы жаман-жакшы айтышып калбайын, очогубуздун ынтымактуу болушу үчүн сырымды катып койойун" деп ойлогон эле. Жаркылдап күлүп жанына келген жарын караганда Алмагүл:

- Курман, сага эмне болду, Майрашты узатып жатканга ичиң ачышып жатабы? Данияр жакшына жигит тура, экөө абдан жарашып калат экен, канча жигиттер умсунуп кала беришти, кыздын багы ачылганы экөөбүзгө тең жакшы, өз деген өз да, тайраңдатып эле куштап алышат, биз барып турабыз, жүрү үйгө, коноктор күтүп калды, - деди колтуктай.

- Ий-ии, жүрү, ичиң ачышпай анан, бөлөк эл, бөтөн жерге биротоло кетип атса, - деп Алмагүлдүн жетегинде кетип баратып: "Ошого таза, чын дили менен барганда мынчалык өкүнбөйт элем го, андан көрө умсунгандардын бири менен кыз доорун сүрүп сүйлөшсө жакшы болбойт беле, сүйүп, жактырып тийсе жакшы болбойт беле, аргасыз кетти го байкушум" деп жүрөгү жара тилине сыздап үйгө кирди.

- Ой Курман, кайда жүрөсүң ыя, кыз жаманы кыроо, дегендей Майраш сенин төрүңдө түбөлүк турбайт, алар алып кетпесе эртең эле айылдын дагы бир жигити ала качып кетмек, кел эми, биз да кыздын бактысына деп тост айтып койуп жылалы, - орто кызуу өзүнөн бир-эки жаш улуу коңшусунун баласы бакылдап кирди.

- Аа-аа, мен аларды узатып кармалып калдым, кел Алмаш чайдан куй конокторго, - Курман ичтеги кыжалатчылыгын билдирбей күлө сүйлөп коноктордун шарына кирди.

- Курман, карындашың бактылуу экен, мына өзүң эстүү чыгып көзүңдүн карегиндей кылып күйөөгө узаттың, Алмагүл башка жеңелердей болуп аны кагажынткан жок.

- Ошону айтсаң, Майраштын ырысына сен намыскөй акыл эстүү болдуң, болбосо далай жетим кыздарды көргөнбүз, башынан бит кетпей ичсе ашка, кийсе кийимге жарыбай жүрүп өсөт. Ата-энелүүдөн артык бактың билсе!

- Азамат иним, эми карындашың бактылуу эле болсо болду. Өз таежесине кызындай эле болуп калат, ал да жакшы экен, арбакты сыйлап сени бутуңа тургузуп, кирдүү кийим кийгизбей тууруңа алып келип кондурду.

Ошентип ар кимиси кыз-күйөөгө бак-таалай каалап, ичип жеп отуруп көптө тарашты. Курман ичтеги кыжалатын басуу үчүн үч-төрт күн ичип жатып калды. Анын кандай сыры бар, неге минтип атат, Алмагүл үчүн табышмак: "неге эле ушунча ойлонот, балким бөлөсүнө бергиси келбегендир, таежесин кыя албаганын калгандыр, Майраш өзү тийбейм десе болмок, ал деле каршылык кылбады, жакшына эле жигит экен, бой десе бойу, өң десе өңү бар казак жигити, неге минтип кыжалат болот, же жөн эле ичкиликке оой баштаганы болуп жүрбөсүн?!". Алмагүл ар кайсыны ойлоп: "ага айтып көңүлүн оорутканча кайра алаксытайын" деген ойдо баса баштаган уулун анын жанына алып келип:

- Курман, уулуңду карачы, жакында басат, тай, тай кана күчүгүм, тай тай болчу! - деп баласын тургузуп кайра-кайра Курманды каратканга аракеттенди. Көз кырын сала түзөп, бу-булап турган уулуна элжирей жаткан жеринен өйдө болуп:

- Кана Бакыт, келчи мага, келе гой, ананайын десе, атасынын баласы го! - деп баласын ала койуп өөп, Алмагүлдү кошо кучактай минтти:

- Менин бактымсыңар, экөөң болбосоңор жаман болмок экенмин, алтыным менин, - ал Алмагүлдү өөп койду, - Биз бактылуу болобуз! - анан уулун колтуктан ала; - кана Бакыт, бакытым менин, Майраш эжең бактылуу болсо оң бутуңду көтөрүп койчу?! - Наристе энесин бир, атасын бир карап ууртун чукурайта күлүп: "апа, ата" деп туруп оң бутун сыраң эттире көтөрүп койгондо экөө тең жарыша каткырып күлүп кубаттап ийишти:

- Оо азамат, акжолтойум десе, эжеси бактылуу болот экен.

- Бала периште деп койот, наристе билет, - Алмагүл күйөөсүнүн маңдайы жарыла кубана түшкөнүн көрүп: "капырай көп эле агаларды көрдүм, карындашын мындай жакшы көргөнүн байкабасам керек, же жетим болуп өскөнгө ушундай болуп аны аяп атабы?" деп өз ичинен ойлонуп алды.

*** *** ***

- Курган жаным; "алдыраарда жаздыраар" болдум да, - Төлөш карыя наалып жатканда уулу жумуштан келип калды.

- Эмне болду ата?

- Эч нерсе уулум, кайра деле табам ал акчаны, жөн эле сүйлөнө берсек болбойт…

- Түшүндүрүңүзчү деги, акчаны дейсизби? - уулу атасын суроолуу карады, - эмне болгон акча?

- Ооба уулум, мал саткан пулдун баарын алдырып жибердим.

- Канча эле?

- Беш жүз миң.

- Анча эмне мал саттыңыз эле?

- Эк, керек болду эле да…

- Андай көп акчага сата турган болсоңор бирибизди ээрчитип алсаңар болмок, милицияга кайрылдыңызбы?

- Жок, алар эми таптырбай кетти го?

- Антсе да айтып койсоңуз алар издешет да.

- Ырас эле барып арыз жазып койойунчу, табылып калгысы бардыр…. - Төлөш карыя өзү менен өзү кеңешип жоголгон пулу азыр эле колуна тийчүдөй кудуңдай милиция бөлүмүнө жөнөдү. Ал келип даттанып арызын жазганда милициянын бөлүм башчысы аны жылуу кабыл алып жубатып жөнөттү:

- Бара бериңиз аба, жерге кирип кетсе да табабыз аларды, алыс кете албайт!

- Ошент балам, - деген чал болгон окуяны ага айтып берди эле ал көзүнөн жаш чыккыча күлдү:

- Ыя аксакал, жүз сомду ээсине кайтарып сообуна калам деп өзүңүз беш жүз миң сумга күйгөн турбайсызбы?

- Ооба кудай уруп жүз сому түшүп калып кыйналбасын деп көчүгүмдү көтөрө аны алып ээсине кыйкырып калбадымбы, алдыма койуп отурган пулум эсимен чыгып кетиптир да.

- Сизге атайын жем таштаган тура.

- Ошентиптир да, мен аңкоо аны түшүнбөй боорум ооруп жүрбөйбү.

- Кызык адамдар эмне болуп баратат деги? - деп ойлуу отуруп калды да, - аксакал бара бериңиз, мен издетем, сиздин арызыңызды карап издетебиз, биздин региондон болсо эле табылат, - деп столго чалкалап отуруп калды.

- Ошенте көр уулум, алты уй беш-алты жандык саткан элем, эми кемпирим экөөбүз ошол пулдун азабынан карыганда ажырашканы калдык, - карыя босогого жетип эшикти ачты да чыгып баратты:

- Кой жарыктык, ошол кантип болсун, дүнүйө табылат, - Турусбек күлө узатып койуп: да-аа, демек Карганын балдарынын колунан келген экен: "Крупный тийсе бир чардайын, Кадырбек досум айылдан келиптир, аны сулуунун сулуусун тандап, жакшы саунага алпарып бир жыргатайын, досум ыраазы болгудай кылып…. " деп өзүнчө ойлонуп Каргага телефон чалды:

- Ало, ало-оо бул ким7

- Мен, сизге ким керек эле ыя?

- Карга калп эле эч нерсе билбегендей болбой мага тез келип жолук, мага чал келип арыз жазып кетти.

- Азыр бара албайм, сиз ошол эле базардын батыш тарабындагы кафеге келиңиз ошол жерден сүйлөшөбүз.

- Макул барам! - шашылыш ордунан турган милициянын лейтенантынын алдынан буркурап ыйлаган өзбек аял чыкты:

- Ой даат, ой бай да-аат, ушнака катип болсын, худайым ай, эллик миң сумумду алдырып жибердим углым! - ал аял ыйласа оозунан көк түтүн буркурайт.

- Каерден?

- Мал базардан сумкада эле болчу, качан алганын билмей калдум, мал алаарда эле тапмай калдум…

- Ыйлабаңыз, отуруп арыз жазыңыз, издейбиз, - Турусбек аялга ручка менен кагаз берди да терезени карап ойлуу сигарет чегип атты, - Энеңдурайындар, чөнтөкчү дегендер толуп кетти, аны тааныш кыйын, сен чөнтөкчүсүң деп кимисин камай алабыз!?

- Ийе айланайын пулум тапылмаса үйдөгү эрим мени сойуп эле таштайт!

- Коркпоңуз, алардын акесин тааныта тургандар бар!

- Коркпойм деле ошунча пулду тапышты айтиң, - Арыз жазган аял кагаз ручканы берди да, - эми качан келсем болот? - деп суроолуу карады.

- Телефонуңуз болсо таштап кетиңиз, өзүбүз чакырабыз.

- Кайдагы телефон, йок эди.

- Анда бара бериңиз, издеп тапкыча убакыт өтөт, бирок таап берем деп убада бере албайм, издейбиз.

- Ой даат, тапылмаса канттим, - аял ыйламсырап чыгып кетти. Турусбек ордунан туруп белгиленген кафени көздөй ылдамдай баратты. Ал келгенде Карга аны күтүп калган экен. Экөө бираз сүйлөштү да Турусбектин колуна пакетке салынган бир нерсени кармата Карга басып кетти. Турусбек буйдалбай бөлүмгө келсе дагы эки милиция келип калыптыр. Аларга болгон окуяны айтып алардан өз энчилерин алаарын, эгер Карганын балдарын көрсө аларга тийбөөнү эскертти да үйүнө кетүүгө камынды. Убакыт кеч болуп калган. Берки экөө дагы кетип дежурный калды. Турусбек үйүнө келип акчаны санаса туура он беш миң сом экен: "жетет" деп койду ал дилинде. Акчаларын жоготуп сыздап отурган адамдар жөнүндө ойлоого чамасы келмек эмес эле, минтип эки-үч күндүн ичинде колуна тийип жатса алардын көз жашын ойлоп коймок кайда? Турусбек аялына берип калганын эки шеригине бөлдү да досун көздөй жөнөдү. Кадырбекке телефон чалды эле ал үйдө эле экен. Турусбек аны өзү барып машинасы менен алып табышмактуу "питакты" көздөй зуу койду.

- Кайда барабыз? - Кадырбек досун суроолуу карады.

- Эс алдыра турган жай издейбиз, - Турусбек аны карап көзүн кыса күлүп калды, - шаарга келипсиң, мейманчылап койуш парз го, же тура эмеспи?

- Рахмат досум, бу-у экөөбүз башка жактан көрө аяштын маңдайында деле эс алсак болбойт беле?

- Ээ досум, балача сүйлөйсүң да, аяшың эмне качып кетпейт, бияктагы кызыктардан көрсөтүп көңүлүңдү ачайын деп жатпайынбы, бара көрөсүң, - дегиче машина чоң көчөдөн бурулуп майда көчөгө кирди да көп өтпөй эле топтошкон кыздар машиналар турган жерге келишти.

- Турусбек буларың эмне деген кыздар? - Кадырбек жол бойундагы жарым жылаңач, колдорунда чычайта кармаган чылымдары бар кыздарды көрө таң кала карап атты.

- Дос унчукпа, бул "өзгөчө" базар, башка базарлардан айырмасы чоң.

- Табышмактатпай айтчы дос, бул деген сойкулар эмеспи?

- Дал ошондой, бирок сен сыр бербей кыздардан жанда, экөөбүз бүгүн кыздар менен саунага барабыз, кафеге киребиз, демек көңүлдөгүдөй эс алабыз.

- Ой ата-аа, менде буларыңды сатып алгыдай пул жок да?

- Ал жагын мага кой, сен кыз тандаганды бил! - Турусбек көтөрүлө сүйлөдү, сени мен акча барбы дегеним жокпу дос, үндөбөй мен айтканды кыл! - Экөө көпкө чейин четте машинанын айнегинен карап отура беришти. Бир топтон кийин кыздарды аралай айдады эле алар жабыла калып атышты, четкерээктеги эч ким менен иши жоктой суз, ойлуу турган кара чачы белине чейин төгүлгөн кызды экөө тең карап калышты. Турусбек жерге түшкөндө анын формасын көргөн кыздар басып-басып кетти. Ал Элмирага басып барды да:

- Эмне керсейесиңер, кыздарыңды алып барып камап, өзүңдү кошо отургузайынбы ыя, кана "отметкага" берчүң барбы?

- Оо-ой Турусбек, сен бизди билесиң го, акча десең акча, кыз десең ай чырайлуу кыздарды салып берем, качып отказ кылчу белек? - Элмира чебелектеп калды. Турусбектин бул жерге тиешеси деле жок бирок, кээде ушинтип кыздарды бекер алып кетчү.

- Анда жакшы кыздардан экини бер, тээтиги кыз кимдики? - Турусбек жанагы ойлуу турган кызды көзү менен көрсөттү.

- Аа-аа ал меники, бүгүн жаңы келген, кыздарга коошпой турганын көр, - жинденип алды Элмира, - эй Сарвиназ, тур кыймылдабайсыңбы! - деп кыйкырды.

- Ал кызды мага бер да дагы бир кыз тап, эртең менен келет! -

- Болуптур, бул кызды жаңы апкелген, баасы кымбат болот эле, эми мен келип калыпсың берейин, эй Сарвиназ бери кел, Асел сен да бери кел! - Элмира эки кызды Турусбекке салып берди. Экөө тең бири биринен өткөн супсулуу кыздар. Айрыкча Сарвиназ дегени Кадырбекке жагып калды, аны байкаган Турусбек Асел менен саунага келишти. Муздак пиво, шашлык, бир бөтөлкө импорт арак алган улам досун карап койот. Кыздардын күлкүсү, назы ушунчалык жагымдуу болуп өздөрүн бейиштин төрүндө отургандай сезип жатышты. Сарвиназ өтө эле суз, кээде гана жылмайып койгону болбосо ойлуу. Кадырбек аны сөзгө тартты. Турусбек Асел менен арыда өз иштерине киришкен эле бул убакта.

- Сарвиназ, кай жерден болосуң?

- Кай жерлигим сизди кызыктырабы же бүгүнкү көңүл ачууңуз зарылбы? - Муздак көз караш менен кайра өзүнө суроо узатты кыз.

- Жок-жок, андай да мындай да эмес, сурап койдум да. - Кадырбек ыңгайсыз сезе өзүн ичинен тилдеп алды: "чын эле кай жерден экенин териштирип эмне кылам".

- Анда келген жумушуңузду унутпаңыз, ишке кирише берсеңиз болот, - Сарвиназ ордунан тура жуунчу бөлмөгө кирип кетти. Кадырбек ойлуу отуруп калды: "Жутуп ийчүдөй кыз экен, өзү деле тарбиялуу үйдүн кызы болсо керек, бул жерге кандайча келип калды экен, түрүнө караганда аргасыз келген окшойт" деп ойлоп отурганда анын жанына белинен ылдый сүлгү оронгон Турусбек келди:

- Ой дос, ширин кыздын кызыгына батпай эмне биерде отурасың, же жакпай калдыбы?

- Абдан жакшы досум, бирок мени ойлонткон башка нерсе болуп турат.

- Ой атаңдын гөрү десе, бул жерде ойлонуп эмне кереги бар, сулуу кыз, муздак пиво, көңүлүңдү көтөрүп эргий албасаң давай анда ал кызды мага Бер, мен экөө менен бир чер жазайын - Турусбек каткырып калды.

- Жок досум, - Кадырбек ойлуу ордунан турду да кыз кирип кеткен жакка басты. Турусбек аны карап ийнин куушура ары жөнөдү. Кадырбек абдан адамгерчиликтүү, ак көңүл боорукер жигит эле. Алган аялы аны көзүнө илбей көзү бурулса эле бирөөлөр менен ойноштук кылганын жарым жыл мурун ажырашып кеткен. Ортодогу үч баласына да караган эмес. Аны Турусбек билбейт, анын үстүнө шаарга келгени жакшылап да сүйлөшө элек болчу. Сарвиназдын чын сырын уккусу келди эгер аргасыз ушул ишти кесип кылып жүргөн болсо сойку экенине карабай алып кеткиси келип турду. Бирок кыз ага сырын айтпады, ачылып сүйлөбөдү, кээ бир кыздарчылап сигарет чекпегени, сөгүнбөгөнү анын бул жерге жакында эле келгенинен кабар берет. Артынан келген Кадырбекти байкамаксан болгон кыз көздөрүн жума ары карап алып, жуунуп жаткан экен. Анын апаппак денеси, ичке бели, чачтары жайылып денесинен ылдый мөлтүлдөп куйулуп жаткан суу аны ого бетер сулуу кылып отурду. Кадырбек аны жетип артынан кучактады. Кыз жыйрыла түштү, дароо артына бурулуп көздөрү жалжылдай коркконсуп кетти.

- Эмне болду Сарвиназ, коркуп кеттиңби? - Кадырбек аны жылмая, мээримдүү карап кучактайын дегенде кыз денеси калтырай, көкүрөгү тез-тез дем алганга өйдө ылдый болуп тирсийген кош алмасы өзүнчө эле жасалган статуядай көрүндү, бирок кыз ушул учурда кудум эликтин чаарчыгындай көздөрү жайнап кокус бир нерсе болсо эле ойт берип безе каччудай абалда турду, - Сарвиназ эмне мынча коркуп жатасың?

- Жок, - кыз алсыз шыбырады, - корккон жокмун, мына менин алсыз денем, каалагандай тепселеңиз! - Сарвиназ көзүн жумуп алып сүйлөп жатты, - Мендей шордуу кызды өзүңүз билиңиз! - көздөрүнөн аккан жашты суу тамчылары жүзү ылдый агызып кыздын жан дүйнөсү сыздап турганын ошондо Кадырбек кайдан билди, тек гана ага суктанып да таң калып да карап тура берди, - тагдырым ушул болсо айла канча-аа! - Сарвиназ үнү буулуга эчкирип жибергенде гана ал чоочуп кетти:

- Кой Сарвиназ, ыйлабачы, сен эркек менен боло элексиңби?

- Ооба, - көзүн ачпаган бойдон жооп берди кыз, - мен кыз бойдонмун, сиздин насибиңизге… - кыз энтиге эки колу менен төшүн далдалап алып дале көзүн ачпады. Кадырбек бирөө башка чапкандай артка бурулду да:

- Сарвиназ, мени кечирип кой, кийинип чык, мен күтүп турам! - деп койуп столго келип отуруп калды: "мына кызык, кыз болсо, анан бул сойкулардын арасына кандай тагдыр айдап келди экен?" деген ойлордун жетегинде сигарет чегип жатканда кийинип кадимкисиндей боло суз келип Сарвиназ маңдайына отуруп калды.

Экөө бир саамга тиктеше түштү да кыз көзүн тартып алды.

*** *** ***

Сарвиназ Жамал менен Абалкандын ак сүйүүсүнөн жаралган жалгыз кыз эле. Экөө беш жыл бирге окуп, дипломдорун алгандан кийин үйлөнүп кыздуу болушкан. Сарвиназ беш жашка чыкканда Жамал аз күн башым деп жатып эле көз жумуп кете берди. Абалканга Жаңылдын өлүмү катуу тийди. Сарвиназды күндө эртең менен бала бакчага жеткирип өзү жумушка кетет. Эки жыл аралыгы ал үчүн бүт өмүрү өтүп кеткендей эле болду. Ар жума сайын Жаңылдын мүрзөсүнө гүл алып барып кызын ээрчите көпкө отуруп анан келет. Көп убакытты Сарвиназдын балалык балдыр тили эриктирбей өткөргөн эле. Ошол бала бакчада тарбиячы келин күн сайын өзү алып келип кайра өзү алып кеткенин көрүп Абалканды жылуу көз караш менен узатып калчу. Сарвиназ башка группада болгондуктан аны менен сүйлөшө алчу эмес. Кийинки жылы Сарвиназдын группасын мектепке даярдаган кезде ал келин аларды өткөзүп алды. Сарвиназ бул кезде кадимкидей акыл эсине кирип калган. Ошол күнү Абалкан жумушунан командировкага кетип шашып кеч келди. Сарвиназ атасын күтүп улам жол карап турган. Тарбиячы келин аны карап:

- Сарвиназ, сени атаң алып келип алып кетет, апаң кайда, эмнеге келбейт? - деди эркелете.

- Апамдын сизге кандай кереги бар? - Тирмие кайра өзүнө суроо бергенде ал такала түштү.

- Аа-аа жөн эле…

- Апам тээ алыска, жомоктогудай жашоого кетип калган, жердеги жашоо ага жакпаса керек! - Сарвиназ кабак бүркөй, жаңыдан чыга баштаган жылдыздарды карай ойлуу чоң кишидей жооп берди. Анткени ал атасынан сураганда ушинтип айткан эле: "кызым, апаң бизди таштап жомоктогудай жашоо үчүн тээ алыска, асмандагы жылдыздардын катарына кетип калбадыбы" ойлуу туруп калган кыздын ойун тарбиячы бузуп жиберди.

- Сарвиназ кечирип койчу, мен билбепмин, кызыгып башкадан да сурабапмын, өзүңдөн сураганымды кара, - ал өзүн ыңгайсыз сезе бала болсо да ушул наристе кыздын өзүнө жооп бергени аны ойго салды: "капырай, чоң кишидей акылдуу экен, оңой болбойт го, берген жообун кара" деп үнсүз ары жакта үйлөрүнөн келип алып кете элек беш-алты бала калган ошолорду көздөй басты. Аңгыча Абалкан келип калды эле, Сарвиназ так секире жетип барып кучактап калды:

- Ата, эмнеге кеч келдиңиз, сизди келбей калат экен деп мен аябай ыйлагым келди, экинчи кечигип келсеңиз таарынам, - Сарвиназ атасын кучактап алып койо бербей таарына бултуйуп эркелеп жатты.

- Кызым, жумушта кармалып калбадымбы, эч качан сени таштабайм, кечигип калсам күтөсүң да ээ? - Абалкан кызын өөп көтөрүп алып машинасын көздөй басты.

Тарбиячы келин кызын көтөрүп кетип жаткан Абалканды көпкө узата карап турду: "иштеген кызматы жакшы болсо керек, кызын абдан жакшы багат экен, дайыма энеси бар кыздардай таза", деп ойлонуп турду суктана. Бул тарбиячы келиндин аты Света, бир баласы менен күйөөсүнөн ажырашканына эки жыл болгон. Баласы өзү менен бирге бала бакчада, күндө алып келип алып кетет. Тимур Сарвиназдан эки жаш кичүү. Ошол күндөн тартып ал Сарвиназдын жанынан чыкпай кадимки өз энесиндей карап Абалкан келгенде жетелеп чыгып калды. Бала эмеспи Сарвиназ дагы ага ык тартып анын ойуу менен болчу болду. Бир күнү Тимурдун жанында ойноп жаткан Сарвиназды Света колунан алып:

- Сарвиназ, бул сенин иниң болот, балдар урушса болушуп жүр, - деди аны мээримдүү карап.

- Макул, - Сарвиназ аны чын дили менен кабыл алып сөздүн маанисине анчалык түшүнбөсө да макул болду. Абалкан келгенде ар убак аны өзү ээрчитип чыгып сөзсүз анын жанына барып баш ийкеп жылмая учурашып калат. Сарвиназдын туулган күнү болуп калды. Абалкан кызын жетелей кетип жатып:

- Эртең кызым үйдө болот эжеси, мен да үйдө болом, бир аз коноктор бар, мүмкүн болсо келип кетиңиз, - деген Абалкан келинди жылмая үйүнө чакырды.

- Чакырган жерден калба деген сөз бар, эгер сиз чакырсаңыз сөзсүз барам, бирок… - Эмнеге бараарын сурай албай такала түштү.

- Аа-а, жөн эле бара бериңиз, - Абалкан ага карап жылмайып койду да, - мына бул дарекке барсаңыз болот, - деп төш чөнтөгүнөн кагаз алып үйүнүн дарегин берди.

- Рахмат сизге, сөзсүз барам! - Света негедир толкунданып алды, көптөн бери кайырмакка иле албай жүргөн жакшына жигиттин жанында болууну калап, эртеңки күндүн бат эле келишин тилеп уулун жетелеп батирине баратты.

Абалкандын ар жыл сайын туулган күндөрдө айттырбай келчү достору бар, алар менен Жаңылдын да туулган күнүн өзү жок болсо да белгилеп турушчу. Чакан стол, не деген тамактар, эркек кишинин ушинтип конок тоскону, үйдүн ичинде кымындай чаң жок, аялдын жок экени билинбей тыкан, таза жасалгаланганына Света ичинен ыраазы боло: "аябай таза эркек экен, аялдар да мындай таза кармай албайт кээде, аялы да жакшы болсо керек" деп ойлуу үйдүн ичине абай сала тымызын көз жиберип отуруп төрдө илинип турган Абалкан менен түшкөн Жамалдын сүрөтүн көрүп чоочуп кетти. Анткени Света аны менен бир айылдан, бир класстан окуган болчу.

- Кечиресиз, сиздин жаныңыздагы ким? - Света Абалканды суроолуу карады.

- Албы, ал менин жанымдын жартысы болчу, эми өзүнүн ордуна мынабуну таштап, өзү жылдыздарды аралап кеткен, чарчадым, эсалайын дейт, - Абалкан аны карап жылмайып койду.

- Жаман болгон экен, кайран кыз, Жамал менин классташым эле, бир айылда чоңойгонбуз!

- Оо жакшы экен анда, байкушум бизди таштап кетип калды. Абдан сүйчү элем.

- Байкуш, Жамалдын өмүрү кыска экен, эгер билсем келмекмин, кечирип кой, аяш болот экенсиңер, - Света чыны менен кейип көзүнүн жашын куйулта ыйлап жиберди, ошол тушта Абалкандын достору сырттан кобураша кирип келатканда Света ордунан туруп ашкана жакка басып кетти.

- Оо Абыке, кандай, кызың экөөң бизди күтүп калдыңар го?! - деп колдоруна бакырайган роза гүлүн, торт көтөрүп, белектерин да алып кирип келгенде Абалкан зорго жылмая тосуп алды. Анткени ал Света ыйлаганда өзү да токтоно албай Жамалды эстеп ыйлап жиберген эле. Аны байкаган аяшы Гүлбү күйөөсүн карады. Жакып бир азга үнсүз боло досун тиктеп туруп калды эле:

- Келгиле кадырлуу меймандар, биз силерди күтүп жатабыз, - деп Абалкан ортодогу абалды оңдоого тырышты. Бакылдаган Жакып кайрадан бакылдай Абалканды далыга таптай:

- Досум, ушунуңду кой дебедим беле, өз денсоолугуңду карабасаң болбойт, ооруп калсаң мынабу көпөлөктөй болгон кызыңа жаман болот, - деди көңүлүн жайгара.

- Мен жөн эле… - Абалкан ыңгайсыздана аларга карады да күлө сүйлөдү, - Бүгүн бизде дагы бир конок бар, - ал ашкана тарапка үн салды, - Ээ Света, кел биякка! -Максат менен Сажира бир бирин карап калышты. Аны дароо түшүнө койгон Абалкан ашканага кирип Светаны ээрчитип келди да аларга тааныштыра кетти, - Бул чоң кыз Сарвиназдын тарбиячысы, аты Света, мен бүгүн муну кызымдын туулган күнүн айтпай эле чакырып койгом, анан… анан Света Жамалдын классташы болуп чыгып калды. Экөөбүз тең ошого капа боло түшкөнбүз, кечирип койгула, достор!

- Аа-аа эч нерсе эмес, өлгөндү тирилтүү колдон келбейт тура, бечара Жамал абдан жакшы аял эле, эми бул тагдыр, кеткен келбейт деген сөз бар, бүгүн биз ширин кызыбыз Сарвиназдын туулган күнүнө келип олтурабыз, кана ал кайда жүрөт? - Жакып бакылдап жатты.

- Ооба десең, Сарвиназды чакырчы белегин өзүнө тапшыралы, - Сажира Абалканды карады. Сарвиназ Светанын уулу Тимур менен ойноп жаткан өз бөлмөсүндө. Абалкан барып экөөнү ээрчитип келе калды.

- Кызым, роза гүлдөй жайнап атаңдын кубанычы болуп жүрө бер, өмүрүң узун болуп келечегиң кең, бактың чоң болсун!

- Бактылуу бол кызым!

- Өмүрүң узун болсун! - дешип ар кимиси өздөрүнүн белегин тапшырып жатканда Абалкан аларды кубанычтуу карап отурду. Света аны карап:

- Мени уят кылдыңыз, бир ооз айтып койсоңуз белек ала келмек экемин, - деп таарынычтуу сүйлөдү.

- Эч нерсе эмес аяш, башкысы сиздин келгениңиз жакшы болду, Жамал болбосо сиздей жаркын классташ, теңтуштарын көрүп турганга не жетсин.

- Ошондой кантип болсун, - Света куру келгенине ыңгайсыздана сумкасынан эки жүз сом алып Сарвиназдын колуна карматты, - Ала гой, эртең өзүң каалаган нерсени алдырып ал!

- Рахмат эжеке, - Сарвиназ такылдай ички үйгө кирип кетти.

Көңүлдүү отуруш көпкө уланып, ара чолодо Сарвиназдагы Жамалдын мүнөзү, окшоштугу жөнүндө кеп кылып, андан кийин кезек менен ырдап, аз аздап кызый башташты. Света алардан суранып эртерээк кетүүгө камынды.

- Кечиресиздер, мага уруксаат берсеңиздер, кеч калып унаа жок жолдо калып калбайын…

- Эч нерсе эмес, бүгүн мында калып калсаңыз да болот, Абыкем экөөңөр болсо аяш экенсиңер, биз менен деле бир күнү көңүл ачып койуңуз!

- Жок-жок, сиздер отура бериңиздер, мен кетейин, - Света алардын кал дегенине болбой шашып уулун жетелей чыгып кетти.

Ал кеткенден кийин дагы көпкө чейин тамашалашып отуруп алар да кетишти. Абалкан кызы экөө калып, эс алганы жатууга киришти. Айдын жарыгы тийип турган бөлмөдө ойлуу, уйкусу келбей көпкө жатты. Быйтыйган колдору менен өзүн кучактап алган кызын улам жыттап койот "байкушум канттиң экен, мен сени унута албай абдан кыйналдым, сени менен эле кошо өлө албадым, эгерде экөөбүз тең ээрчишип кетип калсак кызыбыз Сарвиназга кыйын болуп калабы деп ойлодум. Ушунчалык өмүрүңдүн кыска болуп калганын кара, оо жараткан асылымдан ажырап күкүк болдум го?!" деп кызын карап, чачынан жыттап тунжурай түшүп анан көзү илинип кеткенин байкабай калды.

Бара-бара, Света менен Абалкан ынак болуп кетти. Абалкан аны кафеге чакырып, эгер жумушунан кечигип калчу болсо Сарвиназды Света үйүнө алып кете берет. Адегенде көнбөй: "Барбайм сиздикине, атамды бакчадан эле күтөм" дечү, кийин көнүп калды. Света Сарвиназдын кийимин, кээде Абалкандын кийимин жууп, үтүктөп жакшы карап жүрдү. Абалкан эркек эмеспи, акырындык менен ага имериле баштады. Жумуштан эрте келсе төртөө дайым эс алуу паркынан же көлмөгө барышат, Сарвиназ менен Тимур ар дайым бирде урушуп, бирде табышып убакыт өтө берди.

Ар нерсенин чеги болот эмеспи, алардын да сыйлашып, сырдашып, көңүл ачуучу күндөрү акырындап сүйүүгө айланды, ары ойлоп, бери ойлоп көрүп Абалкан биротоло үйлөнүүнү чечти: "Жакшы эле сырын билгендей болдум, мага эмес кызыма жакшы эне болуп берсе болду, созо бергенде эмне" деди да ойун Светага айтканда ал чоочуп барып анан тагдыр деген нерсе адамды байкатпай өз арабасына салаарын түшүндү, жок дей албады, чынында ал деле анын Жамалдын күйөөсү экенин биле электе эле сыртынан суктанып жүргөнү калп беле, бирок кийин Жамалды укканда жаман абалда калган. Ошентип экөө бир күнү Светанын ата-энесине кат жөнөтүп, үйлөнүү тойуна чакырды. Сарвиназдын сүйүнгөнүн айтпа.

- Ата, Тимур менин бөбөгүм ээ, Света менин дагы апам болот.

- Ыкы, сенин апаң эмес, менин апам, сенин апаң жок! - бала ушул сөздү айтканда Сарвиназ үн дебей атасын бир, Светаны бир карап көздөрүн жумуп туруп калды. Ыңгайсыз абалда калган Света Тимурду жонго бир чапты:

- Ал эмне дегениң, Сарвиназ сенин эжең, менин кызым, экинчи антип айтпай жүр!

- Ооба сага, өзүң айтпадың беле, анын апасы өлүп калган деп!

- Ок, карасаң муну, калп айтпай жүр! - Света ошенткен менен абдан уялып кетти. Анын баласы болсо да укканын айтып уят кылганына ичинен жини келди. Бул ортодогу жагымсыз окуяны байкамаксан болгон Абалкан:

- Кой урушпай эле кой, бала эмеспи, көнүп кетишет, - деген менен жүрөгү сыздай кызын эркелете кетти, - кызым, сен ага көңүл бурба, ал деген кичикий да, түшүнө элек, а сен болсо чоңойуп калбадыңбы, - деп абалды оңдоого тырышты: "эмитен ушинтип жатса, кийин кандай болоор экен, өзү да баарын айтып койгон тура бала немеге" деп бир топко кыжалат болуп барып, анан кайра калыбына келип, коноктордун камын көрүүгө киришти. Алгачкы күндөн эле Тимурдун өзүмчүлдүгү, бала болуп туруп баарын байкап, бирөөнүн айыбын көрө калган кара өзгөйлүк бар экенин сезди Абалкан. Кантсе да үйбүлөнүн бекем болушу, Светанын өзүнө, Сарвиназга үйрүлө мамиле жасап баарын билгизбей жүргөнүн байкап эч нерсе дебей "бала эмеспи, бир үйдө өсүп калса баарына көнөт" деп өзүн алаксытып кетет. Тойдо дос-жоролору кубанычтуу куттуктап көңүлүн көтөрүп баалуу белектерди тартуулашты:

- Абыке, - деди Жакып, - туура кылдыңар, эки бакыр, бир тукур болуп жашооңорду бактылуу өткөрүп, бириңерди бириңер толуктап, ар дайым ажырабагыла, бөлүнбөгүлө, кармашкан колуңар ажырабасын!

- Рахмат жакшы тилегиңерге! - Абалкан аларга ыраазычылыгын айтып отурду.

- Света, Сарвиназга мээримдүү эне болуп, ар дайым силерди бакытка бөлөсүн!

- Эки балаңар бир туугандай болуп, түбөлүк бактылуу болгула! - деген тосттор айтылып жатты. Сарвиназ негедир кийин Тимурду иним дегенин койду. Ойносо ойноп бирок эч бир туугандык сезим ойгонбоду: "анын апасы өлүп калган деп өзүң айтпадың беле" деген анын сөзү ар убак кулагынан кетпейт. Абалкан ага дайыма "апаң тээтиги жылдыздардын арасына учуп кеткен, ал жакта керемет жашоо бар экен, ошого эртелеп кетип калды" дегенде Сарвиназ "ата, биз деле кетип калбайлыбы?" дечү эркелеп. "Жо-ок кызым, аякка биз баралбайбыз, апаң абдан жакшы болчу, ошон үчүн чакырып албадыбы" деп сөздү такыр башкага буруп кетээр эле. Ал апасын өлдү деп уккан эмес, а чынында өлүм деген эмне экенин деле билбей "эмнеге апамды чакырат да бизди чакырбайт, анда атам экөөбүз жаманбызбы, жо-ок атам жакшы" деп балалык ойу менен алышып отуруп калаар эле. Тимурдун айткан сөзүнө анын бала жүрөгү ооруп: "апам өлүп калган тура, атам мени алдаган экен" деп аны тактап сураганга атасы ээн болбоду. Дайыма ал уктап жатканда жумушка кетет, келгенде Света менен Тимурдун көзүнчө сурай албайт. Анын тагдырында эмнелер күтүп жатканын эч ким билбеди, кыз ошондон баштап күн санап эсине кирип, көп сүйлөбөй өз дилинде гана жашай берди. Эрте кетип кеч келип, командировкаларга көп кеткен Абалкан аны мурдагыдай эркелетпей калды, чоңойо баштаган кыз ошентип атасынан алыстагандан алыстай берди. Света кийинки жылы уул төрөдү. Абалкан ага абдан кубанып үй толтура конок чакырып ат тандатып койду. Наристенин аты Эмир болду. Сарвиназ кичинекей бөбөгүн жанынан чыкпай карап отурса Света ага:

- Аны карап отура бербей жалаяк жуу, сүт бышыр, анан полду жууп чык! - деди үңүрөңдөй.

- Азыр, - Сарвиназ илгиртпей жалаяк жууп андан кийин сүт бышырды да пол жууп кирди.

- Сен качан иш кылганды үйрөнөсүң ыя, карачы жууган полуңду, кайра жуу! - Света анын кылгандарын жактырбай бара-бара кызды кор тута баштады.

- Апа, чарчап кеттим, таза эле жуудум го?

- Каяша кылгычын мунун, тилиң узарып калдыбы ыя?! - Света аны жаакка чаап жиберди, - мына жууган жалаягың, сараласын кетирбепсиң, кайра жуу! - деп ички үйгө кирип кетти. Көзүнүн жашын мөлт эте төгүп алган Сарвиназ чакага суу алып келип кайра жууп жатканда Тимур эшиктен кирип келип чакадагы сууну төгүп жиберди эле пол менен пол болуп, жети жаштагы кыз тердеп-кургап жууп жатканда этек жеңи, буту бүт суу болуп калды. Ары кирип кеткен Тимур апасына даттанып барды:

- Апа, карачы Сарвиназды, мен келатсам сууну төгүп ийди эле үйдүн ичи суу болуп калды.

- Сууну эмнеге төктү? - Света чыга калып, жерге төшөлгөн палас килемдердин алдына каптап кеткен кир сууну көрүп жетип келип кызды кулагынан чойо кыйкырып кирди, - ок өлүгүңдү көрөйүн куу жетим десе, эмне Тимур сенин апаңды өлтүрдүбү ыя, жуусаң жөндөп жуубайсыңбы ыя, буларды карачы, баары суу болуптур, - ал аз келгенсип жаакка чаап, жонго дүңк эттире койуп калды.

- Апа, сууну Тимур төгүп жиберди, - чыркыраган Сарвиназ көзүнүн жашын салаалата, мурдунан суусу куйула ыйлап жатты, чачтары жазылып жүдөп алган.

- Калп, мен төккөн жокмун, өзү эле төктү. - Тимур арытан тилин чыгара аны шылдыңдап атты.

- Ушу сен Тимурга асылганыңды качан койосуң ыя, бирдеме болсо эле Тимур, Тимур деп тура каласың, - Света Сарвиназды дагы башка эки-үч жолу койуп туруп, түртүп жибергенде сууга тайгаланып жыгылып кетти.

- Тур, өлбөйсүң, бала ыйлап калат, полду сүртүп тиги палас менен килемди Тимур экөөң эшикке жайгыла! - Света ары басып кеткенде Сарвиназ өйдө болуп эптеп колунун каруусу келбесе да тряпканы сыгып полдогу жайнаган сууну сүртүп жатты.

Жакшы эле ыймандуу көрүнгөн Света уул төрөгөндөн кийин эле башкача болуп чыга келди: "Төрөп деги койдум, эми эмне кылып алмак эле, кызына болушса баланы алып кетем, өзү эле жалдырайт" деп Абалкандын сырын толук билип алганга көңүлү ток боло баштаган. Сарвиназдын азаптуу күндөрү ушинтип башталды. Күндө тырбалаңдап жалаяк жууп, полду сүртүп, эшиктин алдын шыпырып деги койчу, баарын жасаса да жакпайт. Абалкан кызына келгенде мурункудай үйүрүлбөй калды, аялы менен кичинекей уулунун жанында. Бир кезде: "апасы жок кызым жүдөбөсүн" деп өзү жууп тазалап көпөлөктөй кылып багып жүргөн кызынын эмне күндө калганынан кабарсыз. Ан сайын Света аны жекирип же тынчыраак тамак ичирбей же кийимин тазараак жуубай өзүнө жуудуруп эптеп-септеп күн өтө берди. Абалкандын кийимин гана өзү жууп үтүктөп, ал келээрде Сарвиназдын таза кийимин кийгизип баланы берет да тамак жасап жадырап тосуп алат: "кудай буйруса жакшы аялга жолуктум, Сарвиназды да жакшы карайт" деп көңүлү ток жүрө берди. Тимур болсо бала бакчадагыдай аны менен ойногонун токтотту. Негедир аны жек көрүп бир бөлмөгө сыйышпайт. Сарвиназ аябай арыктап кетти.

- Света, Сарвиназ арыктап кетти да, бир жери ооруп жүрбөсүн? - бир күнү Абалкан кызынын жүдөгөндөй түрүн көрүп сурап калды.

- Эмнеге арыктаганын билбейм, бала алып, бошосо ойнойт, тамак болсо турат, ичип жеп эле атат.

- Ошентсе да бир врачка көрсөтүп койсоң боло, - Абалкан ага өтө ишенип өз энеси катары дайындады.

- Мейли көрсөтсө көрсөтөйүн, бүгүн колум бошобойт, эртең алып барам.

- Көрсөтүп, оорусун аныктаса дары-дармегин алып бер! - Абалкан жумушка чыгып кетээри менен Сарвиназды жумшады.

- Арыктагандан өлбөйсүң, тур тиги топтолгон жалаяктарды жууп кой! - Сарвиназ үндөбөй туруп кетти. Ал эртең мененки чайга жаңы эле отурган, курсагы тойбосо да тура жөнөдү.

Сарвиназдын аянычтуу күндөрү өтүп жатты. Мектепке барды анда да жарытылуу окуй албады. Баарын мектептен даярдап келет, болбосо үйдөн китеп кармады дегиче балээге калат. өзү окууга дилгир, укканын дароо үйрөнүп алат. Экинчи класстан үчкө көчүп калган. Ошол күнү Сарвиназ мектептен келээри менен эле жалаякты колуна берип:

- Муну жууй сал, тез кургап калсын! - деди Света.

- Апа, башым ооруп атат. Чай ичип алайынчы, эртең менен да ачка кеткем, - Сарвиназ аны жалдырай карады.

- Өлбөйсүң анан деле ичесиң, күндүн барында жууп койуп деле иче бересиң, - деп үйгө кирип кетти. Сарвиназ жалаякты жууп бүтүп анан чечинди да ашканага кирип чай койуп атканда аны Света пол жууганга буйурду:

- Чай кайнагыча жууй сал, ачкадан өлө элексиң, бол эрте!

- Чай ичип алып жууйм, - ал да көгөрүп туруп алды, чынында наар албаган тырмактай кыздын көзү тунарып ачкадан башы ооруп аткан.

- Эй, сен эмне эле каяша айтып калгансың, чоңойуп, тилиң чыгып калдыбы ыя?! - Света аны чачтан алып тээп калганда чырылдап ыйлап жиберди:

- Апа, апакебай курсагым ачты, башым ооруп жатат, чай эле ичип алайынчы?!

- Өлүп кет, сага чай эмес балекет жок! - ушул учурда Абалкан босогого келип калган үндү угуп токтой калды, - өлүп баратсаң да жууп, жумушту бүтүрүп анан ич!

- Апаке, жыгылганы турам, - кыз алсыз чырылдады, - Апакебай, башым тегеренип баратат, - Света аны дагы чачтан алып жаакка чаап, башка койгулап киргенде кыздын чучуктай чаңырыгы көчөгө чейин угулуп турду. Чыдай албай Абалкан эшикти ачып кирип келгенде Света аны көрүп бир азга делдейе туруп калды:

- Эй бул кылганың эмнең, ыя? - ошондо жыгылып калган кызын өйдө кыла койду, - Мен сага ишенип жүрсө. Бул эмнең, ушул тырмактай кыз кантип жумуш кылсын? - Абалкан ачуулу Сарвиназды көтөрүп диванга жаткырды.

- Эмне аңдып келдиңби, жөн эле колум бошобой бала ыйлап атканынан жумшасам көктөнүп атат.

Ошондо Абалкан жарылып кетти:

- Ок, сенин балаңды, мага алтын баштуу бала төрөп берсең дагы, бала-салаң менен жогол, мен кокус кагазымды унутуп койбосом өлтүрчү турбайсыңбы!?

- Жумуш кылгандан өлгөндү көргөн эмесмин, кетсе кетип эле калам! - Света ички үйгө кирип баланы алып жөнөмөк болгондо Сарвиназды кучактаган Абалкан ага карап да койбоду. Көзүн ачпай жаткан кыздын ээрди көгөрүп калганын көрүп ал дароо көтөрүп чыгып машинага салып врачка жөнөп кетти. Сулк жаткан кызды көргөн Света өзү да чоочуп калды: "кокус өлүп калса эмне кылам, деги көрсөм эле жиним келчү болду, мурун жакшы эле көрчү элем, эмнеге минтем билбейм… " көпкө дейре эмне кылаар айласын таппай туруп калды. Кете берейин дейт, Сарвиназдан көңүлү тынбайт, артынан барганда кайсы ооруканага барганын билбейт. Эмирдин ыйлаганын да сезбей нез болуп отура берди.

Абалкан ооруканага кирип врачка көрсөткөндө:

- Кызың ачкалыктан эле эсин жоготуптур, денсоолугу жайында, эми аз-аздап бербесеңер өзөгүнө кетет, бул кыз жарытылуу тамак ичпегенине көп болуптур, - деди улгайган врач.

- Кантип, үйдө баары бар, бир жери ооругандан ичпей жүрбөсүн? - деди Абалкан таңдана.

- Жоок, денсоолугу жайында, эч жеринде кесел жок.

- Бул эмнеси? - өзүнөн өзү сураган Абалкан отуруп калды.

- Биз бир аз укол куялы, эки-үч күн карайлы.

- Ошентиңиз, мен да жанында болом, мүмкүн болсо телефон чалып алсам болобу? - ал врачтан өтүндү.

- Чалып ал иним.

- Ало, - Абалкан телефондун кулагын бураганда эле чоо жайды түшүндүрүп кирди: - кызым катуу ооруп калыптыр, бүгүн бара албайм, шефке айтып кой! - анан врачты карады, - сизге рахмат.

- Эч нерсе эмес. - Сыпайы жооп берди врач. Ал күнү Сарвиназга укол куйуп, тамырынан да берди эле кечинде гана көзүн ачты.

- Сарвиназ, кызым сага эмне болду, садагам? - Абалкан күйпөлөктөп, кызынын жанында чарк көпөлөк айланып атты, - сени мындай кылаарын билгенде аял алмак эмесмин да, кайдан билдим мындай болоорун? - Абалкан көзүнөн жаш куйулуп турганын сезбеди: жанына келген врачка ошол абалда туруп баарын айтып берди.

- Жүрөгү жок, мээримсиз аял го ал, төрөгөн аял кантип ушуга барды? Адашкан экенсиң да иним.

- Ооба аке, адашыпмын, мына бүгүн гана билип отурбаймынбы, болбосо билмек эмесмин.

- Анда кызыңдан айрылмак экенсиң.

- Кудай сактасын, жакшылап карап бериңиз.

- Буйруса эки күндө туруп кетет, ичегилери жабышып, бир аз гана суу жүгүрүп турган экен.

- Акмак, мен ага ишенип эртең менен эрте кетип кечинде кеч келип жүрө бергенимде кара, төрөп койдум эмне кылып алат эле деп ойлосо керек!? - Абалкан жини келип жаак эттери түйүлүп атты. Сарвиназ түшү менен ысытмалап жөөлүп чыкты. кайра-кайра сестралар карап, градусник койуп, укол салып бир топко уктап кетти. Эртеси эртең менен көзүн ачып эле:

- Нан, нан жейм, курсагым ачты, - деди алсыз.

- Оо садагасы көпөлөгүм, нан жегениңен сенин, - Абалкан жалбарып кызынын жанынан чыкпай адегенде врачтардын айтуусу менен тооктун шорпосун берди, кичине нан берди. Ошол бир аз ичкенине тойо түшкөнсүгөн кыз мемиреп уйкуга кетти. Акырындык менен оңолуп жакшы болуп калганда үйгө алып кетейин десе такыр болбоду. Айласы кеткен Абалкан аны Светага айтты эле ал аргасыз келип кечирим сурап:

- Сарвиназ, мен экинчи антпейм садага, жүрү үйгө, мына атаңдын көзүнчө айтып жатам жүрө гой? - деди эле кроватта ары карап жаткан бойдон үндөгөн жок. Света ага ичинен жини келип алды: "өлүгүңдү көрөйүн шүмшүк, ушундайынан жетим калган да, деле мунун кекчилин кара" сыртынан билгизбеген менен аны өлгүдөй жек көрүп турду. Карап турган Абалкан кызынын сырын билгендиктен үн деген жок, тек гана: "энеңдурайын акмак, баланын көңүлүн калтырган экен, кенедей кызда мунун өчү барсынып" деп ойлоп атты. Сыртынан эч нерсе дебеди. Кайрылып өткөн окуя үчүн да эмне демек? Өзү Абалкан үйгө келгенде кечирим сурап, баланын абалын сурап безилдегенинен жаңыртпады. Ооруканага тамак алып барайын дегенде болбой койду:

- Барбай эле кой, зорго турган неме кайра ооруп калбасын.

- Капырай, ошончолук эле эмне кылыптырмын, ойноп жүрө бербей иш кыл дегеним болбосо, кыз бала үйрөнүп алса өзүнө жакшы да.

- Убагы келгенде өзү жасап алат, азыр ал жаш, өз ойуна кой, үйрөткүчүн мунун, менин укканым, көргөнүм бир гана, а сен келгенден бери эзип жүргөн экенсиң да, уялбайсыңбы, же тамак-аш таппаган жан болсом эмнеңди берейин десең жарашат, ашып ташкан тамактын эмнесин аядың?

- Койчу эми Абыке, мен ага бербей койгон жокмун, өзү ойунга алаксып эле…

- Калпты айтпа, ичегилери жармашып кала жаздаптыр. Света, сен экөөбүз жашай албайт экенбиз, азыр жаш Эмирди ал да бара бер, ажырашпасак, өз-өзүбүзчө болбосок мен ойлогон сайын сени жек көрө берем.

- Мен сенден ажыраганда эле өлүп калат дейсиңби, өлбөйм, кызыңа болушсаң өмүр бойу жалгыз өтөсүң! - Света жинденип, өзүн кармай албай кыйкырып ийди, - Ал шүмшүгүң го кетет бир күнү, мынабу чырактай, өзүңө окшогон уулуңдан да ал ширин бекен? - Света булкуна басып кетти.

- Ооба, балаң өзүңө кут болсун, - Абалкан кайдыгер айтты, бирок талпынып, ата-аталап калган уулун жанындай көрчү. Алар ошентип араздашып Света кетмек болгондо айылдан бир тууган жеңеси Бурма келип калды.

- Ой айланайын бала, жатасыңарбы жакшы, балдар чоңойуп жатабы? - энтиге кирип Абалканга, - турчу бала, эшикте таксиден жүктү түшүрө сал, маршруткага түшпөй жүгүм менен таксиге эле түшүп келе калдым, ох деги бул ысыгың жаман го?

- Кел жеңе, акем жакшы жүрөбү? - Абалкан Бурма менен учурашып калды эле ал:

- Жакшы, келин кайда, бол эртерээк такси кетип калбасын, - деди шаштыра. Абалкан чыгып кеткенде Света үйдөн чыгып эч нерсе болбогондой абысыны менен учурашып, колундагы сумкасын алып ары койду:

- Кандай жеңе жакшы келдиңизби, акем күүлүү жүрөбү, неберелер чоңойуп жатабы?

- Жакшы айланайын, баары ойдогудай эле, ушу кайнимди көрүп абалын билип келейин деп эле…

- Аа - аа жеңе, кайниңиздин эле абалын билип бизди унутуп койгонсуздар го? - Света тамашалай күлдү. Ага ушул абысынынын келиши майдай эле жагып турду: "эми эки балам менен төркүнгө бата аламбы, жеңе, келин деген бар, ата-энем го батырат, эки күйөөдөн чыксам элдин бетин карай албай өзүм деле чүнчүйм го?" деп үйдөн же чыгып кете албай же отура албай кыйналып турганда сонун эле болбодубу.

- Жоок айланайын келин бала, бу - акең Абалканга атасындай эле болуп калгандыктан ушуну эле айтып отурат: "баягыл кантти экен, оорубай жүрөбү деги" деп эле, силерди ойлобой анан, кана уулумду алып келчи?

- Жеңе ал азыр эле уктаган, бир аз демиңизди басып, чай ичип эс алганыңызча ал ойгонуп калат, чарчап келдиңиз.

- Мейли анда, баланын уйкусун бузбай эле кой. Сарвиназ кайда, Тимур экөө ойноп жүрөбү?

- Аа - аа, - Света эмне деп айтаарын билбей калганда көтөрүнчөк көтөрүп Абалкан кирди.

- Ох, тим эле оор турбайбы, эмнелерди салып алгансыз?

- Аа - аа кокуй күн, шаарда жүрүп ак кол болуп калгансың го, эмне болмок эле, бир койдун эти, бир карын май, асел, анан кымыз бар.

- Ооуу, оголе көп нерсе бар тура, мынчалык эмне убара болуп жүрөсүңөр, бир-эки жилик эт, эки литр май жетмек да, - Абалкан жеңесине эреркей сүйлөдү, - Студент кездегидей көрүп эле көтөрүнүп келе берген турбайсызбы, азыр жумуш бар, кудайга шүгүр сатып алганга болот баарын.

- Ботом үйдүкү башка да, Амалкан эле болбой сага берип жиберди, үйбүлөлүү болуп калды, кыйналып калбасын бара көр, деп, - Бурма бир нерсени эстей калды, - Ай баса бир чанач сүзмө да бар эле алдыңбы?

- Ооба, аны эшикке койдум.

- Ийи, ырас кылыпсың айланайын, деги өзүң оорубай эле жакшы жүрөсүңбү?

- Жакшы, ооруган деле жокмун, - Абалкан кабагын түйө калды, - Сарвиназ ооруп ооруканада жатат.

- Кокуй айланайын жакшыбы анан, каери ооруп атат?

Ошол кезде ыңгайсызданган Света дасторкон салымыш болуп идиш-аяк менен алектенип эки кулагын аларга тосуп атты:

- Билбейм, азыр жакшы болуп калды, үйгө бир-эки күндө алып келем.

- Жакшы болсо эле болду, чай ичип алып кызымды көрүп келейин.

- Бүгүн эс ала бериңиз, өзүм барам, балким алып келем, - Абалкан аны тынчтандырып, - чайга кара жеңе, - деди. Экөө эч нерсе болбогондой жадырап жайнап отурушту. Света: "эми менин оорутканымды, күнүлүк кылганымды айтып койсо бетке чапма жеңеси эмне дейт" деп ичинен сарсанаа болгонун билгизбей абысынына элпектеп-делбектеп атты.

- Ийе Абалкан, ушу Сарвиназды мага эле берсеңер болот эле, балдардын баары кетип эки небере менен калдык акең экөөбүз, алар менен чогуу өсүп калат эле.

- Жеңе, өзүмдүн колумда чоңойсун, аякка барганда орус тилин билбей калып кийин окуганда кыйналып калабы дейм.

- Капырай де, сен деле ошол айылдан өсүп, чоңойуп келип анан чоң болбодуң беле, дээринде болсо үйрөнүп кетет бат эле.

- Чын эле Абалкан, Сарвиназды айылга жеңеме берип койолу, чоңойсо алып келип окууга киргизип койобуз да, - Света күйөөсүн жалтаңдай карады.

- Эмне, сенин жашооңо тоскоолдук кылып атабы, эгер кеткиң келсе айылга сен кет, Сарвиназ барбайт! - Абалкан аялын акырая караганда Бурма алардын ортосунда бирдеме болгонун сезип сыр алдырбай кайнисине таарынчы кыла сүйлөдү:

- Ботом, кичинесинен мага бер десем эле болбойсуң, же менден уруп койот деп коркосуңбу, балага өмүрү жаман айткан аял эмес элем, ушу кенедей кызыңды менден аяйсыңбы билбейм.

- Жоок жеңе, - Абалкан ойлуу отуруп калды бир топко, анан анан жеңесине карап, - Өзүнөн сурайлы ээ жеңе, эгер барам десе жиберейин.

- Ошент каралдым, акең экөөбүзгө эрмек эле болот да эмне, ой атаңгөрү Амалкан бир кубанып калсын, ал Сарвиназды жанындай көрөт, барганда эле "баягы көпөлөк кыз жүрөбү?" деп сурай берет.

- Мейли жеңе таарынбагыла, Сарвиназды силерге эле берейин өзү барам десе.

Көпкө чейин айыл жөнүндө, тириликтери жөнүндө сүйлөшүп отурушту. Абалкан алар менен сүйлөшүп отуруп да дилинде: "кой бир кызымды кор кылбай айылга жиберсе жиберейин, үйбүлөмдү сактап калайын, уулумду кетирип жиберип дагы азапта калбайын, өгөй деген өгөй тура, ичи койнубузга киргиче жалпактап мындан жакшы неме жок эле, төрөп алгандан кийин батына баштаган тура, эми жаман жакшы айтышпай эле тим койойун" деп ойлонуп турду. Эртеси Сарвиназды үйгө алып келип башынан суу тегеретип чачып ага үйрүлүп түшүп атышса Тимур ичи тарып жаман көзү менен карап ал турсун алардын жанына келбей койду. Абалкан анын мындай мүнөзүн: "балалык мүнөзү өзгөрөр, бара-бара чоңойгон сайын мага ата-баладай мамиле жасап көнүп кетээр" деген ойдо жүрдү. Бирок негедир такыр ага жан тартып баладай болуп "ата" деген сөзүн уга элек. Алты жаштагы баланын мүнөзүнүн ушунчалык оордугуна таң калып: "бул эмнеси, мындай кезде ойундан башканы билбеген наристенин мени өгөйлөгөнүн кара" деп да түпөйүл ойго кабылчу. Сарвиназды Абалкан эркелетип маңдайынан сылап бетинен өөп:

- Кызым, сен чоң апаң менен айылга кетесиңби? - деп сурады эле ал токтолбой жооп берди:

- Ооба ата, кетем, биерге турбайм! - Абалкан менен Бурма тиктеше түштү, Света болсо ордунан туруп ашканага кирип кетти, - мен биерге бир күн турбайм ата, сизди жакшы көрөм, барып турасызбы?

- Барам кызым барам, сөзсүз барып турам, а эмнеге сен бул үйгө тургуң келбей калды?

- Жөн эле… - Сарвиназ жер тиктеп дагы бирдеме десе көзүнөн жашы төгүлүп кетчүдөй болуп турду.

- Сен апамды жамандагың келип турат, мен билем, сен жамансың, апама сөз тийгизсең өлтүрүп салам! - ушул учурда Тимур көздөрүн заардуу чачыратып Сарвиназды карап турган экен. Абалкан, Бурул, Сарвиназ үчөө бир бирин карап калышты.

- Тимур, сен эмне деп жатасың жаш-шабагыр десе, бала баладай эле болбойбу! - Света жүгүрүп чыгып баласын тарсылдата чаап жетелеп ашканага кирип кетти.

- Анан эмне атасы андан эмнеге жашагың келбейт биерде десе ыйлагысы келип атат? - бала-бала болсо да баарын байкап турганына таң калышып үндөгөн жок алар. Бирок тымызын күнүлүк бар экенин айкын түшүнүштү. Ал эми Тимур апасы уруп атса да:

- Билем ал менин атам эмес, мен аларды жек көрөм, Сарвиназды жек көрөм! - деп кыйкыра берди. Ортодо көпкө чейин жымжырттык өкүм сүрүп турду. Абалкан: "кой Света менен ачык сүйлөшөйүн, эгер бул бала минте берсе жашоо болбойт, баланы сыртынан карап, кем карчын берип, өзүмдү таанытып турсам кайда бармак эле?" деген ойдо отурду. Сарвиназ болсо: "мен дагы аларды жек көрөм, алар жокто атам экөөбүз кандай жакшы жашачу элек, экөөңөрдү тең көргүм келбейт!" деп кыжыры келип атты. Ал күнү тыңгылыктуу сүйлөшө алышпады. Кудум бир ортолорунда уруш болуп өткөндөй бири бирине үн катпай, Света болсо ашканадан чыкпай ыйлап, жадагалса баласынын ыйлаганына көңүл бурбай Тимурду сооротуп атты:

- Уулум, эртең экөөбүз тең айылга, таятаңа кетебиз, азыр сүйлөбө, кыйкырба уктуңбу? - деген менен ушул кенедей баласынын мүнөзүнө түшүнө албай турду: "капырай, Абалкан буга деле өгөйлүк кылбаса, жаман айтпаса, эмнеге ушунчалык кара өзгөйлүк кылып жатат, Сарвиназга мен эмнени гана жасабадым, ал мени көрөйүн деген көзү жоктур?". Көптөн кийин Тимур ойногону эшикке чыгып кетти. Ошондо Абалкан Светаны чакырды:

- Света кел эми биякка, жеңем менен жакшылап сүйлөшүп чай ичели, жаман ойлоп жүрбөсүн, бала деген бала да, айта берет! - деп жайкап сүйлөдү.

- Ийе айланайын баланын сөзүнө таарынгандай кайним жаман кишиден беле, өзүңөр ынтымактуу болсоңор эле болду, бала кайда барат эле көнөт да! - Бурма да жайгарды. Ошол учурда көзүнүн жашын аарчый күнөөлүү адамдай басып келген Света:

- Абалкан мени кечирип кой, бул бала мени жашатпайт окшойт, жаман-жакшы айтышпай эле кете берейин… - деди.

- Кой балам ал эмнең, ошо кантип болсун, андан көрө баланы уруп согуп көндүр, - Абалканга карады Бурма - Сен да аны имере тартып жакшы мамиле кылсаң ой бала, бала менен иттин күчүгү бирдей деп койот, жакшы көргөн кишиге бат эле имерилет.

- Ой жеңе, мен өзү үйдө түнкүсүн гана болом, бирок менин Тимурга өгөйлүк кылган күнүм жок, ар дайым Сарвиназ экөөнө бирдей карайм! - Абалкан өзүн ыңгайсыз сезип кетти, - Света өзү деле билет, мен жакшы эле көрөм го ээ?

- Ооба-ооба, жеңе, кандай бала экенине көзүм жетпей койду, чоң кишидей болуп эле муну чоочун сезип туруп алды, сүйлөгөнүн карабайсызбы, бул жокто деле ал атаң болот, Сарвиназ эжең деп деле айтам такыр кабыл албай койду. - Света өзүн күнөөлүүдөй сезип атты.

- Эчтеке эмес, кайда бармак эле көнбөй… - Абалкан ушинткен менен чындап эле ушу тырмактай баланын эмитен сүйлөгөнүнө ичинен таң боло күдүк ойдо турду. Бул абалды эч кимиси оңдой алмак эмес. Арадан жылдар өтүп, ушул алты жаштагы бала келип Абалканды өлтүрүп койоорун кайдан билишсин. "Бала эмеспи" деген гана ойдо жаман ойду өздөрүнөн алыстатып үнсүз отуруп калышканда Света аларды карап:

- Абалкан, мен атамдарга барып түшүндүрүп анан Тимурду таштап келейин… - деди үнүн пас чыгарып.

- Ошо кантип болсун, кенедей баланы бооруна тартып албаптыр деп мени жаман көрүшөт го? - Абалкан ага каршы турду.

- Ооба, ырас эле алар туура эмес түшүнүп албасын, дагы бир жыл карап көргүлө.

- Билбейм, ишене албайм, мага тынч жашоо бербейт окшойт! - Света ойлуу унчукпай калды. Ошону менен сөз бүткөндөй төркү бөлмөгө киришип телевизор карап калышты. Сарвиназ телевизор карап жатып уктап калды. Бурма эртеси жолго чыгууга камынып калганда аны кийинип бүтүп Абалкан:

- Сарвиназ, сен Света экөөң барып тигил эле комоктон өзүң жолго жей турган бирдеме алып келе койгула, мен машинаны от алдырып анан күтүп турайын, - дегенде Сарвиназ:

- Жо-ок! - деп катуу кыйкырып ийгенин өзү деле билбей калды бейм, - жо-ок ата мен аны менен барбайм!

- Эмне болду кызым, апаң сага чоң апаң экөөңөр жей турган бирдеме алперет, сен муну, аны деп айтып алдырбайсыңбы? - Абалкан өңү бозоро түшкөн кызын кучактай калып: "дагы эмне дээр экен, бул муну такыр эле коркутуп, жүрөгүнүн суусун алып койгон го?" деп ойлоп ийди.

- Ата, мен жолдо эчтеке жебейм, барбайм дагы, чоң апам менен кете берейинчи?! - Сарвиназ көздөрүн жашылданта жалдырап ийди. Абалкан кызынан башка сөз чыкпасын сезди да Светаны карады, ал дагы өңү кубара экөөнү карап турган экен. Ичтен түтөгөн Абалкан эч нерсе дебеди, тек ортодо көп окуя бар экенин туйду да машинага жөнөдү. Анын жүрөгү түпөйүл боло өзүн-өзүн алаксыта албай көптө барып өзүнө келди да Бурул менен Сарвиназды жанына салып жөнөп кетти. Аларды үнсүз узата карап турган Света: "Мага эмне болуп кетти, ушул кенедей кыздын менден көңүлү калганча сабаганым, жумуш жасатканым, күкүм нанга зар кылып тамак-ашты бекитип койгонум туура беле???" деген ойдо саам өзүнүн жакшы жашоосуна, адамдык абийирин булгап, момун күйөөсүнүн кадырына доо кетирип алганына жини келип атты. Бурма абысынын да оңдуу жөнөтө албады. Ал күнү Тимур экөө гана калган, ойноп жүрүп кеч келген ал апасын карап:

- Эмне тигилер кеттиби? - деп кадимки чоң кишидей сурап койду.

- Тигилер деп, ал эмнең ыя, алардын көзүнчө мени уят кыласың, Абалкан сенин атаң, Сарвиназ эжең, уктуңбу, мындан ары ата деп жүргүн! - Света зекий сүйлөдү.

- Ыкы мен аны ата дебейм, сен мурун атаң өлүп калган дебедиң беле?

- Ок жашабагыр, мени эмне мынча кыйнайсың ыя, мен да аял катары жашаймбы, бактылуу боломбу?! Мына Эмир иниңди чоңойтсок экөөң бир тууган болуп бизди карайсыңар, багасыңар! - Света жоошуй Тимурду көндүрүүгө далалаттанып сүйлөдү.

- Мен иним дебейм, анын атасы тигил, а менин атам жок! - Тимур тепейип столго отуруп алып ойлуу, кашыкты пиалага ура сүйлөдү, - эмнеге күйөөгө тийесиң, мен сени өзүм эле багып алмакмын?!

- Өлүгүңдү көрөйүн шүмшүк, деги кайдан жаралгансың ыя, менин азабыма, шорума төрөлгөнсүң го?! - Света жиндене Тимурду башка-көзгө койгулап, өкүрүп-бакырып кирди, - экинчи Абалкан келгенде дагы бирдеме дейт экенсиң өлтүрүп салам, сендей баланын барынан жогу! - ыйлап жатты ал, - элдин балдары энеси күйөөгө тийсе аны аталап эле көнүп кетет экен, бул шүмшүк мени тирүүлөй кыйнады!

Тимур үндөбөй ыйлаган бойдон төркү бөлмөгө кирип жатып алды. Ыйлап жаткан Эмирге да, кейип, кайгырып эмне кылаар айласын таппай отурган энесине да көңүл бурбады. Адатта алты-жетидеги баланы бала деп койобуз го, бул бала эмес чоң кишидей акылы, тили башкача болчу. "Сенин күйөөңдүн мага эмне кереги бар, мурункудай эле мени ээрчитип, эркелетип жүрө бербейт белең, эми мага сенин да керегиң жок, бул үйдөн кетем!" деп жатып алып ойлонуп жатты. Дал ошондой болду, эртең менен Света ойгоно электе турду да үйдөн чыгып кетти. Али эне сүтү оозунан кете элек жаш бала чыгаарын чыгып алып кайда бараарын билбей көпкө жол бойунда турду. Света уулу ойгонгондо турду да, жай жуунуп, чай койуп, баласын которгондон кийин Тимурдун бөлмөсүнө кирип анын кроваты бош турганын көрүп чоочуп кетти да: "эшикке чыгып кеткен го, мынчалык эрте турчу эмес эле"… Ал ойлуу туруп анан: "келип калаар, кайда бармак эле" деп койду.

*** *** ***

Касен менен Сейилкан Мариямды туура эле үйүнө алып барышты. Үйгө киргизбей башына суу тегеретип чачып, экөөнү катар койуп алып ырымдап анан киргизди Сейилкан. Келген эле күнү улак кудайы кылып коңшу-колоңун чакырып келин алганын сүйүнчүлөп аткан таежесине Мариямдын жини келе:

- Таеже, бул эмнеңиз, сиздин мага берген убадаңыз башка эмес беле? - деди өзүнчө чакырып алып, - Мени Данияр менен жашайт деп турасызбы, анда жаңыласыз!

- Садага, сен баарын түшүнгөндөй болбодуң беле, Данияр сен дегенде ичкен ашын жерге койуп өзүн өзү тилдеп: 'мен аны катуу сүйгөнүмдөн, кызганычтан ошого бардым, мага аны алып келип бербесеңер өлөм!' деп атканынан ушул иш болду. Окуйсуң, каалаганыңдай жашайсың! - Сейилкан аны кучактап өпмөк болгондо ал колун кагып жиберди:

- Биздин жаштыгыбыздан бооруңар ооруп алып келип алып эмне кылдыңар эле, эми жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын деп койуп эми Даниярга башымды байлаганы турасыңарбы?? - Мариям көздөрүнөн заар чачырата айтып атты - анда жаш болчумун, аргасыз баарына көнүп, чыдадым, эми силердин бир сөзүңөрдү угуп, көңүл буруп көнсөм кудай бар, ал эми Даниярыңарды көрөйүн деген көзүм жок!

Ушул учурда Сейилканды акырын чакырган Мариямды көрүп артынан аңдып турган Данияр булардын баарын укту. Укканда башка келтек менен урагандай зың эле дей түштү: "мен муну мага кайдыгер эмес деп ойлободум беле, менин сүйүүм, кылган күнөөм үчүн күнү-түнү азап чегип өзүмдү жектегеним эч нерсеге арзыбайт тура, же жөн эле койсомбу, өз жолу менен кете берсин" деп ойлоп алып жүрөгү "зырп" этип алды. "Кантип, кантип өз сүйүүмдү билдирип, ишендирем, ансыз мен кантип жашайм, эми аны коркутканда да болбойт, кандай кылып өзүмдү сүйдүрө алам?!" деп калган сөздү укпай сыртка басып кетти. Достору да келип калган эле. Алар аны куттуктап жатышты.

- Ээ дос, ушунча казак кыздары сени сүйүп, күтүп жүрүшсө, өзүңдүн бөлөңдү сүйүп калганыңды кара, Сауле сен дегенде баарына даяр болуп, жабышып жүргөн жигиттерди жолотпой кагып жүрбөйбү?! - деди бири ага нааразылана.

- Тим кой, ар кимиң өз жүрөгүңөрдү тыңшагыла, сүйбөсө эмне кыласың, Сауле сулуу кыз, ага чекесинен чыгат күйөө, - дагы бири аны көтөрө сүйлөдү.

- Достор, мен өз сүйгөнүмө жетсем дегем, бирок… - Данияр чөгүңкү, ойлуу, - мен сүйгөн менен ал сүйбөйт окшойт, азыр, бүгүн сездим аны… - деп ызага буула жер карады ал, - Туура эмес кылсам керек, мени ал деле сүйөт деп жүрсө…

- Эч капа болбо досум, кыздар ошенте беришет, эгер карабай койсоң артыңдан өздөрү жүгүрөт.

- Туура, кыздар ошондой калк болушат, алдына ийилип сүйүүңдү айтсаң керсейип өздөрүн жанга теңебейт, анан бир аз күн көрүнбөй койсоң кайра эле сени издеп калат, бөлөң жаш, көнөт, сени сүйүп кетет!

- Рахмат силерге достор! - Данияр ойлуу отуруп калды. Сойулган малдын эти алдыга келип, келинин көргөнү келгендерге Сейилкан:

- Ал жолдо кыйналып калыптыр, ысытмалап жатат, бүгүндөн ары көрө бересиңер, андан көрө тамакка карагыла! - деп коңшу-колоңу менен сыйлуу конокторун жайгарып атып өзүнүн жакын курбусуна сырын айтты:

- Курдаш, айылдан сөйкө салып кадимкидей эле алып келгенбиз, өйдө-төмөндү айтып көшөгөгө киргизип бергиле!? - деди.

- Ой кокуй күн, ошо да кыйынбы, менин бал тилиме эрибеген кыз болгон эмес, заматта жоолугун салып жоошутуп койом! - Калемкаш дароо эле Мариям отурган бөлмөгө кирди да: - Айланайын чырактай болгон жүзүңдөн, тим эле сүрөткө тарткандай супсулуу кыз тура! Данияр эмнеге акылынан адаша сүйүп калды десе сүйүүгө арзый турган кыз турбайсыңбы садага, кел келе гой, жоолугуңду салынып атайы арнап тарткан көшөгөгө отур, минткениң болбойт, - дегенде Мариям ордунан тура калды:

- Мага акыл үйрөтүүнүн кереги жок, эч кимди укпайм да, көшөгөгө отурбайм!

- Кой, кой кызым, анткениң болбойт, айылдан сага сөйкө салды тойун өткөргөнү чынбы?

- Ооба, - Мариям ыйлап жооп берди, - бирок мени… - ал андан аркы сырын айталбай такалып калды.

- Ошондо ойлонуп, сөйкө салдырбай, биякка келбей койсоң болмок, эми сени канча киши күтүп карап турат, элдин назары, ак батасы, койдун эти, таеже тайжездеңдин көңүлү кантет? - Калемкаш аны сынай карады.

- Эч нерсе билбейм! - Мариям отура калып буркурап ийди, - кереги жок, мен күйөөгө тийбейм, мени койо беришсин, баары бир бүлө болбойм! - Мариям башка эч нерсе дей албады, бир көргөн аялга болгон окуяны баштан аяк айтууга кудурети жетпес эле, сыр ачууга да болбойт: "эми эмне кылам, чын эле бата деген жаман болот дечү эле, келбей жатып, турмуштун ачуу-таттуусун көрүп жүрүп дагы эмнеге кабылам, таш түшкөн жеринде оор деп баш ийип кала берсемби, окутам деп жатат"… деп ойлогон Мариям бир саамга Даниярды көз алдына келтирип: "жакшынакай эле жигит, баягы жиндилиги токтодубу, же жөн эле мени жаман аттыдан куткаргысы келип атабы?" деген ойдо мелтирей отуруп калганда Калемкаш анын жоошуй түшкөнүнөн жанына отурду да акыл насаат айтып, көзүнүн жашын сүртүп, башына апаппак жибек жоолукту салып акырын жетелей көшөгө тартылган бош үйгө киргизип төшөккө отургузду да сыртка үн салды:

- Ээ, Сейилкан, келинге арнаган чачылаңды алып келе кал! - Мариямды карады, - Эми жоолук салынбасаң да күйөөдөн чыкты атка каласың, коңшу-колоңдоруң сени күйөөгө тийди деп билди да.

- Азыр, - Сейилкан делбектеп конфет, печеньелерди көтөрүп жетип келди. Мисирейе жүзүн жаш жууп отурган Мариямды көрүп жүрөгү тилинип кетти.

- Мына, эмне кылайын? - деп Калемкаштан сураган менен эки көзү Мариямда болуп ага чачыктуу жоолуктун жарашып калганына жетине албай: "ээ кудай, тим эле мөлтүрөп турганын кара, байкуш эжем, балдарынын ушинтип чоңойгонун көрбөй өлүп калбадыбы, ушул сулуулугунун азабынан уулум да жаман көрүнүп отурат. Садага болойун ак жоолук жарашып үрдүн кызындай болуп калат тура!" деп колундагы конфеттерди артынан ээрчий кирген аялдарды көздөй чача баштады.

- Ак жолтой, ак жүздүү бол садага, алганың менен тең кары, ак жоолугуң башыңан түшпөй бактылуу бол, алдыңды бала, артыңды мал бассын! - Калемкаш жан-алы калбай жүгүрүп Мариямдын аяк-биягына чыгып атты, - Эңкейип улуу кишилерге жүгүн айланайын, - деп кулагына шыбырады. Мариям айласы куруп: "ушуну пешенеме жазган тура, эл көзүнө эптеп жүгүнүп турайын, анан Даниярдын жаныма жологонун көрөм, же өлүп же өлтүрүп тынам!" деп кулагына шыбырады. Бирок жашоо деген табышмак, келечеги туңгуйук болуп башы катып "алдаса болот жаш башты" дегендей чаржайыт ойлорго алдырып аргасыз келин көргөнү келгендерге жүгүнүп жатты. Сейилкан эшик эликтен уулун көрө албай издей баштады. Сыртта туугандары менен турган Касен аны көрүп өзүнө чакырды:

- Ээ кемпир, Майраш деги көнө турганбы, жоолук салындыбы?

- Салынбай анан, аны Калемкаш деген бар, ой-бойуна койбой салып кемпир-кесекке жүгүндүрүп атат, уулуң көрүнбөйт да? - Сейилкан кабатырланганын жашырбай сурады.

- Эмеле ушул жерде жолдош-жоролору менен жүргөн, аны эмне кыласың, эки-үч күн көздөн далдоо боло турсун, тим кой, аны көрсө дагы жинденип элге шерменде кылбасын, - Касен шыбырай сүйлөдү, - Көнсүн, кулагы бышсын, анан кайда бармак эле?

- Таң, капа болуп балдар менен ичип койобу деп чоочуп турам.

- Кой кемпир, жаман ойлой бербе, уулуң баарына баш ийип өзүнө ынсап берип атканда.

- Мейли, мейли атасы, мен үйгө кирейин, элге чай берип тамак тартылганы качан, бата кылып калышпасын жүрү, тиги жаман уулуң биерде болсо болбойт беле, элдин батасы жакшы эмес беле? - деп тамды айланып басып баратып беш-алты бала менен турган Даниярды көрүп, - уулум, жүрү үйгө, алдагы балдарды бир бөлмөгө киргиз, тамак ичишсин, сен кирип бата албайсыңбы балам?! - деди.

- Азыр, - Данияр апасы менен сүйлөшчүдөй кыңырыла калды, - Апа!

- Эмне болду уулум, эл бата кылганы калды, кирип бата ал дагы досторуң менен кирип тамак ич! - Сейилкан анын эмне айтаарын билип эле турду, анткени жана Мариям экөө бөлмөдө сүйлөшүп жатып сыртка чыкса Данияр ары карап басып бараткан экен: "Шордуу балам, баарын угуп койдубу, эми эмне болоор экен?" деп кабатырланганы ошол болчу.

- Апа токтосоң сөз бар?! - Данияр апасынын артынан басты.

- Кой балам, убактымды алба, андай сүйлөшөөр болсоң эл кетсин, кенен-чонон кеңешип-таңашабыз, - Сейилкан үйдү көздөй басты, Данияр унчукпай туруп калды: "Майраштын мени көрөйүн деген көзү болбосо, эртең буларга уят болом да, андан көрө унчукпай эле койойун" деген ойдо аларды өзүнчө бөлмөгө ээрчитип кирди.

Эл деген эл да, эки жашка бата берип, бакыт-таалай каалап, өз колдорунан энчи берип жаткандай дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды ыроолоп жатышты. Ошол жакшы сөз ийиктирип бир канча жаштар тагдырына тан берип жашап калышат го, булардын тагдыры элге көнүмүштөй болгон менен өздөрүнө бүдөмүк эле…

Ошол күнү нике кыйылды…

Арадан эки көн өттү, Касен келинин жүгүндүргөндөн кийин маңдайына чай куйуп берүүсүн өтүндү:

- Майраш айланайын, бүгүндөн баштап келиним да, кызым да болосуң, Сейилкан экөөбүзгө жалгыз Даниярды берип ушунун караанына кагылып отурабыз, эми биздин кызыбыз да бар, тартынбай жүр!

- Ошону айтсаң, жакшыны жатка чыгарабы деген сенин ыймандуу, акылдуу, эстүү болуп чоңойгонуңду өз көзүбүз менен көрүп билип туруп эжемдин арбагын сыйлап, алыстап калбасын деп боорубузга тартып отурабыз, - Сейилкан күйөөсүнүн сөзүн ырастады.

- Мына кызым, үй-жай, дүнүйө экөөңдүкү, биз буларды көрүбүзгө көтөрө кетпейбиз, өзүң баш көз болосуң, эркек эмне таап келгенин гана билет, - дегенде Мариям таежесин бир жалт карады, ал көз карашта: "Данияр дагы жакшыны жатка чыгарбайт деп жаштайымда чыркыратты беле?!" деген суроо ызалуу билинип турду. Анын бул көз карашынан жалтанган Сейилкан ичип жаткан чайын тиктеп отуруп калды. Ошону менен сөз бүтүп, дасторконду жыйнаган Мариям өз бөлмөсүнө өтүп кетти. Данияр Мариямдын жанына жолой албай эле өзүнчө кирип чыгып жүрө берди. Күндөр өтүп жатты. Мариям: "качан мени окуйсуңбу деп сураар экен, айткандарына көнүп деги бердим, эл алдында уят кылбайын дедим, менин жаш жүрөгүм сыздап, канаты сынган куштай бир нерседен гана кармалып отурганымды билишеби, же баламды жактырып дешип көөнү ток болуп калыштыбы" деп ичинен сарсанаага бата берди. Сыртынан билгизбей Касенден тартынып сүйлөбөй таежеси ээн боло калганда минтти:

- Таеже, мен окууга тапшырышым керек, өзүмдүн күчүм менен эле өтөм, болгону мени качууга мажбур кылбай өзүңөр эле жөнөткүлө, менин силерге бүлө болбосумду деги билесиңер!

- Эмне дейт ботом, садага болойун десе, эмки жумада Курманды, башка туугандары менен кошо чакырып, кыз калыңсыз болсо да каадасыз болбойт деген сөз бар, таежеси алып кетип эле, ырым-жырымын, жол жобосун жасаган жок, жубан алгандай кылып алып кетип унчукпай койду деп кеп кылышат, чыда балам бир аз.

- Кереги жок эч нерсенин, каадасынын да кереги жок, көңүлү жок адамды байласаңар да болбосун кандай билбейсиңер? Силерди жер каратпайын, чакырган элдин көзүнчө сынып калбасын дедим, болбосо… - Мариям ыйлап жатты.

- Оолда-аа карангүн ай, мен сени көндү, акыры баш ийип көзүмдүн карегинин бири болуп ысык чай куйуп берет деп сүйүнүп отурбайынбы?

- Таеже, кантип балапанымда чыркыратып, кордоп, жүрөгүмдү муздаткан адамды кантип жактырам, муздаган жүрөк жылыбайт, кирдеген көңүл агарбайт да, эгер ушу төрүңүзгө таза бойдон келип келин болсом анда башка кеп эле, тайжездем экөөңөр жөн эле чабыла бербегилечи?!

- Майраш, мени укчу каралдым, окуу эч жакка качпайт, сөзсүз окуйсуң, бир аз ыкка көнүп тура тур, анан кетсең да өзүң жаманатты болосуң, татынакай кылып күткөн жерге отурбай койуптур, эси жок экен деп эл кеп кылса Курмандын кадыры түшүп өйдө карап жүрө албай калбайбы, жок дегенде ошолор келип кеткиче койо тур!

- Ага чейин документ алуу бүтүп калат, анан эмки жылга калып калам да? - Мариям аргасыз абалга келди: "Чын эле Курман абамдын эл караган жүзүн жер каратып койомбу, анда эле жаман болот, бирок менин көзүмдү кандай карап ата-энедей үйрүлгөн адамымды уят кылганым туура эмес" деп башын ылдый кыла муңканып алды: "кудай ай, деги кандай күндө калдым эле"…

Бир күнү өз бөлмөсүндө уктап жаткан Мариям кандайдыр бир добуштан ойгонуп кетип башын көтөрсө жанында бажырайган гүл турат. Чо-оң чоң үч тал гвоздика экен. Аны көрүп таң калып койду: "муну ким алып келди экен, эмнеге биерге койду" деп ойлоп, жаңыдан ачылып келе жаткан гүлдүн жыты мурдун өрдөй дивандан эңкейип жыттайын дегенде ортосунда бир бүктөм кагаз турганын көрүп алды да ачып караса сулуу кол менен: "Майраш, туулган күнүң менен!" деп жазып койуптур. Ал таң калганынан жылмайып алды: "өзүмдүн туулган күнүмдү унутуп калганымды кара"! Гүлдөрдү колу менен абайлап кармап жыттады, буруксуйт эмеле үзүп келе койгондой: "муну ким алып келди экен, Данияр эле алып келе койгон го?" деген ойго келди да дароо ордунан туруп гүлдү алып сыртка көтөрүп баратса Касен эшиктин алдында турган, аны көрүп кайра кирип кетти. Таежеси конок келчүдөй камынып жатыптыр. Өзүнүн уктап калганына уялгандай анын жанына барды да жардам бере баштады. Сыйлуу, уяттуу конок келчүдөй түрү бар.

- Таеже, конок келеби? - Мариям баё сурады.

- Апей ботом, конок да келет, сенин туулган күнүңдү ырымдап Даниярдын достору келет экен, анан жөн отуруп алсам болбойт го? - ал Мариямды сынай карады эле анын кабагы бүркөлө түштү.

- Менин туулган күнүмдү кайдан билмек эле, чакырбай эле койбойсузбу?

- Ошо кантип болсун, шарият бойунча сен биздин бүлөбүзсүң, алар Данияр менен чогуу дайыма бирге жүрүшөт. Алар сураган окшойт.

- Анда мен алар келгенде көрүнбөйм, мени силер катарыңарга кошпогула, мен бүлө болуп бербейм дебедим беле?

- Кой балам, ачуусу менен Данияр ызаланып бир балээ болбосун, абайлай гөр балам, ал сени жанындай көрөт, бир сен үчүн жинди болуп кетпесин!

- Ой, оой кантип эле, мен мунуңарга түк ишенбейм, эгер чындап сүйгүсү келсе башкача болмок…

- Садагасы кетейин десе, өткөн нерсени эскербеш керек, ал өттү болду, кекти кууба, кыз баланын кечиримдүү болгону жакшы, көтөрүмдүү бол балам, достору келсе күлүп жайнап тосуп кой. Ансыз деле балам байкуш жаныңа жолой албай жүргөнү жетер, шариятта нике кыйылгандан кийин бирге жатыш керек!

- Койуңузчу таеже, - Мариям уяла жер карады эле ошол убакыттан пайдаланып өктөм унчукту Сейилкан:

- Койбой эле, никеден кийин бирге жатпаса күнөө болот, илгерки кетирген катасы үчүн беттей албай куурады балам, биз өз болуп сени ойуңа койуп атабыз, башка бирөө болсо алда качан койнуна салмак!

- Таеже - е, - Мариям эркелей кетти, - койуңузчу, мен … мен баары бир … - Силердин айтканыңарга ишенип келип алып байланып отурам, - ал дароо сумсая түштү.

- Кой кызым, экөөбүз жомок айтышып отура берсек коноктор келип калат, бол дасторкон жай, тигил күйөөң капа болуп жүрбөсүн. - Сейилкан атайы ушинтип айтты: "бышыкулак боло берсин, ызасы унутулар, кечирээр акыры келип баш ийет да" деп ток пейилдене түштү азыркы түрүн көргөндөн кийин. Дасторкон жайып үстүн толтуруп даярданып бүткөндө беш-алты бала аялы менен келип калышты, алардын ээрчиткен бирден балдары бар эле. Мариям аларды карап таң калып койду: "чоң эле кишилер го, ушулар мени аяш демек беле?" Чынында Данияр отузга чыкканы менен жаш көрүнчү, өңү да жакшынакай болуп жаш жигиттердей, баягы шоктугунун бири жок токтоо болуп калган. Конокторду үйгө киргизип кайпактаган Данияр Мариямга сүйлөй албай апасына карап сүйлөгөндө анын күлкүсү келип кетти: "мынчалык милинкий болуп калган, тим эле кой оозунан чөп албаган момун го, - улутунуп алды Мариям, - аттиң ошондо ушундай болсо мени кордобойт эле го?" деп кайрадан сустая ойго жетеленди. Мариям ошол кечте Даниярдын катарында отуруп конокторго чай куйуп, алардын жакшы каалоолорун, тостторун угуп отурду. Бир жылмайып күлбөдү, ооз ачып сүйлөбөдү. Экөө эки башка адамдай коошпой турду. Данияр анын жанында кадимкидей сүрдөп, жолдош балдарынын, аяштарынын көзүнчө ашыкча сөз сүйлөбөй улам көз кыйыгы менен Мариямды карап койуп атты. Мунун баарын карап, байкап отурган Мариям: "тобо-оо, чын эле момун болуп калган го, эмнеге мынчалык сүрдөгөнсүп атат, түштөн кийин момун болуп көрүнгүсү келип аткан го, канчага чейин чыдаар экен" деген ойдо болду. Коноктордун ичинен ачык-айрым бир келин шакылдап сүйлөп да ырдап да, Мариямга денсоолук, өмүр каалап дегеле жаагы тынбайт. Анча мынча ичкенге ого бетер тамашалай Даниярга тийишип койот:

- Оо аяш, казактан кыз жактырбай атайы кыргыздан кыз сүйдүң эми биздин көзүбүзчө аяштын туулган күнүн куттуктап өөп кой!

- Ой ба - ай, ырас айтасың, осундай кылмасаң мынеу шарабыңды ичмейбиз ов.

- Жаша, кане Данияр, Жамийланы бир кушактап өбүп кой!

- Кане, кане өбүскүлө! - деп сүрөп киргенде Мариям сыртка карай чыгып кетмек болуп ордунан тура жөнөгөндө бирөөсү кармап калды:

- Ой бай айеш, бул не кылганыңыз, жигиттин жигити Данияр жаныңда отурады гой, кане өбүшүп койундар! - Мариямдын жүзү кызарып эмне кылаар айласын таппай калды. Данияр болсо былк этпей жылмайган болуп сыр алдырбай отура берди.

- Эй досум, бул не дегениңер, экөөбиңер тең жаңы сүйлескен кыз жигиттей эле бири бириңен уяласыңар! - таң калгандай экөөнү карашты.

- Бизден уялып жатыр гой?

- Неге, биз деген олорго айешпиз, досмуз - деп таарыныч кыла баштаганда Данияр ордунан турду да Мариямга жакындады, жүрөгү түрсүлдөп андан сүрдөгөнү даана билинип турду. Жакындаганда ал Мариямга көзүн кысып койду. Көздөрүн жумуп алып кызга жакындаган сайын өзүн жаман сезип: "эмне мен ушунча коркокмунбу, тартынчаакмынбы, эгер азыр булардын көзүнчө өбүшпөсөк эртең шылдың кылышат" деп ойлоп жетип эле бекем кучактап туруп оозунан өөп алды да конокторун карады:

- Өлбө досум, өлбө, жигит деген ушундай эле болсо, мына эми, бактылуу болосуңар! - деп туш, туштан коштоп киришти. Мариям Даниярга жини келген менен өбүшүүнүн кумары, жагымдуулугу аны ушунчалык делбиретип койду. Аз аздап ичкен виного башы айланып көңүлү көтөрүлө түшкөн эле. Ырдап, бийлеп Мариямдын туулган күнүнө, экөөнүн бактылуу болушуна арналган тосттор биринин артынан бири айтылып жатып Мариям кызып калды да акырын бөлмөсүнө кирип жатып алды. Көпкө чейин достору менен отуруп анан алар кеткенден кийин Данияр көпкө эшикте ары-бери басып жүрө берди: "Эмне кылсам, Майраштын жанына барсамбы, дагы айгай салып кыйкырып кирсе эмне кылам, антпес, анткени менин никелүү аялым болгонуна көп эле болду, көнүп бүтпөдүбү, балким мени өтө жек көрсөчү, же мени эркек эмес экен деп ойлоп жүрбөсүн" деген ойлорго жетеленип өзүн өзү ага барууга мажбурлады. Негизи ал көптөн бери ойлоно берип чорт кыял болуп бараткан, деги эле өз билгенин бербеген мүнөзү бар эле, эгерде өзүнүн күнөөсү болбогондо такыр башкача болмок: "Дагы апамды капа кылып аламбы" деп эле аяп жүргөн. Бүгүн өз эркине баш ийе албай Мариямдын бөлмөсүн көздөй баш бакты. Ата-энесинин бөлмөсү тынч, алар эбак эле уктаган өңдүү. Эшикти акырын ачып үйгө кирип барса жарык өчпөптүр, Мариям чечинбей эле диванга жаткан экен чачтары уйпаланып жүзүн жаап, аны ого бетер сулуу көрсөтүп турат. Даниярдын сугу артып кыздын жанына барды да дароо өткөн окуя көз алдына тартыла бүткөн бойун муздак тер басып кетти: "неге ушундай аруу кызды булгадым экен, ошондо не шайтанга алдандым, кучагыма ууз бойдон кысып сүйүүмдү арнап, шыңгыр күлкүсүн угуп кумарга батпай, ушул азыр мени сүйбөй түртүп, жаман сөз айтса ысып турган денем муздап, элжиреген жүрөгүм ташка айланып, көңүлүм калса эмне кылам?" деп көпкө аны карап тура берди. Бир кезде Мариям козголо бери бурулуп жатты да ойгонуп кетти:

- Сиз… - Көздөрүн чо-ооң ача ордуна отура калды, уйкулуу көзү умачтай ачыла түштү:

- Майраш, мен жөн эле, сенин жаныңа, бөлмөңө жатайынчы, менден чоочубачы?! - Данияр жалдырап ийди.

- Жок! - Мариям чорт этип айтып ийген менен анын башы ооруп эч нерсеге көңүлү келбей таңдайы кургап суу ичкиси келип турган эле. Ордунан туруп сыртка чыгууга камынганда Данияр аны кармай калды: "качып кетип жүрбөсүн" деген ойдо.

- Кайда сен?

- Суусадым, суу ичейин дегем…

- Сууну мен алып келип берем! - Данияр дароо сыртка чыгып идишке суу алып келе койду, - Мына суу.

- Рахмат, - Мариям сууну жутуп идишти жерге койойун дегенде Данияр алып терезеге койду.

- Майраш, мени кеч болсо да кечирип койчу, мен сени ошондо эле жакшы көрчүмүн, жаштык, мастык кылып өзүмдү кармай албай калдым. Ушул убакка чейин өкүнүп жүрөм, - Данияр диванда отурган Мариямдын эки тизесине колун койо отуруп алып сүйлөп киргенде Мариям аны жиндене карады:

- Дагы кандай калптарды даярдап келдиңиз?! Мени ошол калпка ишенет деп турасызбы?

- Өлүп кетейин, чынымды айтып жатам, мен чыны акмак болдум, ошондон бери ойлоно берип жинди болуп кете жаздадым.

- Эч убара болбоңуз, каалайсызбы бөлөк аял ала бериңиз, мен сиз менен жашабайм!

- Башка аял ала турган болсом неге сенин карааныңды көрүп кубанып, элесиңе жети жыл бойу жалынып, кылган күнөөм үчүн өзүмдү өзүм кечире албай келатам, түшүн, ишен мага жаным, мен сенсиз жашай албайм!

- Андай жомокту башка бирөөгө айтсаңыз ишениши мүмкүн, бирок мен түк ишенбейм, сиз үчүн менде кымындай дагы жүрөгүмдө орун жок! - Мариям диванга ары карап жатып алды. Данияр отурган жерде шалдая бир топко чейин нез болуп турду да ордунан туруп босого тарапка басып баратып: "эмнеге мен муну аяшым керек, азыр бул менин никелүү аялым эмеспи, эмне кылсам өзүм билем, эркелетип койсо өзүн өзү билип калганын" деген ойго келди да сырткы бөлмөдөгү коноктордон калган арактан бир стакан куйуп ичип алды да кайра кирди. Ал көптөн бери ичпей калганга башы кеңгирей түштү да эшикти шарт ачып кирип дароо эле Мариямды кучактай жыгылды. Чоочуп кеткен Мариям аны түртүп ийгенге аракет кылса да алы жетпеди. Эмеле жутуп келген арактын жыты мурдун өрдөй жүрөгү айланып кетти.

- Тур деп атам!

- Кайда барам?! Менин ордум сенин жаныңда, эч кайда барбайм, азыр сен менин аялымсың! - Данияр аны эркелете жүдөтүп аймалап өөп, бүт денесин сылап сыйпап бир башкача сезимин ойгото баштаганда Мариям алсыз гана:

- Эмнеге мени кордодуң, кудай ай тагдырымды талкалаганың бир, эми зордогонуң бир тең болду го, менин максатым, аруу тилегим зор үмүтүмдү өчүрүп өзүңө гана баш ийдирүүгө мажбурлаган кандай өжөр немесиң?! - деп ыйлап жатты.

- Жаным менин, мен сени катуу сүйгөнүмдөн ошого баргам, жаш болсоң да кызгангам! - жан-алы калбай кыздын кийимин чечип бүт денесин өөп киргенде кыз кыңкыстай бир нерсе айтууга алы келбей көзүн жума жатып калды: "бүттү, - деди анын ойу, - эми мен Даниярдын аялы болдум, бирок баары бир буга ийибейм, муздак бойдон калам, сүйбөйм, мага сүйүү келе элек, мен сүйүүмдү табышым керек!" деп ойлонуп Даниярдын эркине көнүп берди. Ата-эне алардын кадамын, көз карашын аңдып: "эмне болуп кетишээр экен, бир бирине көнүп кетсе экен" деп жүрүшкөндүктөн дал ушул секундду алар Даниярга билдирбей байкап турушкан. Данияр ойлогондой уйку кайдан: "экөө тил табышып калгандай" дешип кудуңдап дабыш чыгарбай, кандай чыгып аңдышса дал ошондой жыла басып кирип кетишти: "кудай буйруса Майраш өз балабыз болгону калды, эркек эмеспи, баш ийдирди көрүнөт" дешип көөнү жайлана уйкуга киришти.

Мариям эртеси ооруксунуп түшкө чейин ордунан турбай жата берди, же ичкен винонун кесепетиби, же эркек менен болбогонбу, абдан кыйналып калыптыр. Данияр болсо ага үйрүлүп түшүп оозунан чыкканын аткарып тамак ташып, суу берип жүгүрүп жүрдү. Касен менен Сейилкан ичтеринен кудуңдап: "акыры ушундай болмок, жаштар эмеспи, сүйлөшүп алышат, кийлигишпей эле койолу" дешип эчтеме билбеген болуп койушту. Ордунан турбай жаткан Мариям Даниярдын үйрүлө түшүп атканына көңүл да буруп койбоду: "мен ушуну менен кантип жашамак элем, баары бир кетем" деген ойдо болду. Түш ченде Данияр сыртка чыкканда Сейилкан анын үстүнө кирип:

- Майраш, сага эмне болду балам, бир жериң ооруп атабы? - деп жанына отуруп чекесин басты.

- Жо-ок, кечинде болбой вино ичирип койушкан эле, башым ооруп, кускум келип атат, - Мариям түндөгү окуясына таежесинен уялып араң жооп берди: "баары бир билишти да, эми тайжездемдин бетин кантип карайм" деп ойлогондо эки бети албыра түштү.

- Эч нерсе эмес балам, теңтуш деген ошентет да, анын үстүнө сенин күнүң болуп атса, - Сейилкан анын жүзүнөн эңкейип өөп койду, - жата бер, эс алып каласың, толуп жаткан деле жумуш жок го? - деди да акырын тура эшикке чыгып кетти. Анын чыгып баратканын артынан карап турган Мариямдын боору ооруп кетти: "байкуш, апамдын бир тууганы, апамдай эле болуп калды, акылсыз баласынын азабын көп тартты, кудай билет Даниярдын канчага чейин ушинтип момун болуп жүрөөрүн" деп аны эстегенде өзүнүн алсыздыгына, чечкинсиздигине жини келип алды. Ойуна койсо азыр эле кетип калгысы келет, бирок жипсиз байлаган намыс аны жылдырбай туруп алды: "мен кайра үйгө барсам, күйөөдөн чыгып келди дешип эл кеп кылса, абамдын көңүлү ооруп кепке сынып калат го?" деп басып кете албады. Аргасыз келерки жылды күтүп окууга тапшырсам дегенде эки көзү төрт. Ошол арада Данияр ага көңүлүн ача турган суусундуктарды, шоколад, дагы толгон нерселерди көтөрүп жетип келди. Аны ичпейм дегенине болбой жанында отуруп алып кыстап ичирди:

- Көңүлүң ачыла түшөт жаным, ал жесең, сен үчүн дүйнөдөн кезип жүрүп болсо да каалагыныңды алып келип берем, уктуңбу?

- Уктум, бирок баары бир менден үмүт кылба, мен сага аял болуп түбөлүк жашабайм, абийирим төгүлбөсүн деп гана сенин эшигиңде отурам! - Мариям аны карабай туруп ойлуу жооп берди.

- Койчу эми жаным, мен күнөөлүүмүн, бирок баары сени сүйүп кызгануудан болуп атпайбы!

- Ишенбейм, экинчи актанчу болбо, үмүт да кылба, андан көрө түбөлүктүү аял болчу кыз издеп таап алгын!

- Издебейм, мен сени гана түбөлүк аялдыкка алдым, сени гана!

- Кетип калам!

- Кеталбасаң эмне кыласың?

- Эч нерсе, баары бир кетем дедим кетем, сени менен жашагыдай ойум да жок!

- Жашайсың! - Данияр ордунан тура калып ары-бери баса баштады, - Мен сени акыры баш ийдирем!

- Баш ийдире албасаңчы?!

- Анда дайынсыз жоголом, өлүгүмдү да көрсөтпөй жоголом.

- Жашоо өзүңө керек, мага эмес, аныңа жаным кейип да койбойт! - Мариям мисирейип отуруп жооп берди.

Көпкө чейин экөө кер-мур айтышып атышты. Кыжалаттана ары-бери басып аткан Данияр Мариямдын маңдайына келди.

- Майраш, сен жаштык кылып атасың, мени түшүнүп койчу садага, мен сенсиз жашай албайм!?

- Менсиз жашай албаганың түшүнүктү, силерге рахмат, менин абийиримди өзүңөр төгүп жапкан да өзүңөр болдуңар, жетимдигимден пайдаландыңар, агам да жаштык, боорукерлик кылды, таежемди гана аяп турам, болбосочу! - Мариям үнүн бийик чыгарып сүйлөдү.

- Ачууланбачы Майраш. Жаным десе, мен өзүмдүн бир кездеги итчилигим үчүн өмү бойу алдыңда кулуң болойун, мен сени сүйөм, сүйөм, сүйө-өм! - Данияр үнүн пасыраак чыгарып бирок жалдырап ийди, - күлүп койчу жаным менин көпөлөгүм.

- Болду жетишет, экөөбүздүн сөзүбүздү уккан таежемдер эмне дейт?

- Эмне демек эле, жинди баласынын бир секелектин алдында чарк көпөлөк айланып турганын ансыз да билишет!

Мариям үн дебеди. Жер тиктеген бойдон отуруп калды. Данияр аны бир топко үнсүз тиктеп туруп сыртка чыгып кетти. Ошондон кийин экөө көп деле сүйлөшпөйт. Касен экөөнү көлгө барып эс алып келгиле дегенине Мариям болбоду, же Даниярдын көчөгө чыгып, паркка сейилдеп келели дегенине болбойт.

Мисирейгенден мисирейип жүргөнү жүргөн. Данияр аны эпке келтире албай абдан кыйналды, кээде жөндөн жөн эле ордунан тура калып бир нерсени кобурап сүйлөнүп кетчү болду. Максатсыз эле ары-бери басып жүрө берет. Бара, бара өз күйүтүн басыш үчүн ичип койчу болду. Ата-эне аны көрүп ичтен сызып бир күнү уулуна өзүнчө отурганда минтти Касен:

- Уулум, үрдүн кызы болсо да кетирип жиберип башка келин алалы, сен эле кыйналдың, абийири деги жабылып калды, өз убалы өзүнө. Мына жарым жыл бойу үн деген жокпуз, Тим кой өз ойуна, кетсе кетсин! - Мариям сырттан кирип келе жаткан болчу, бул сөздү угуп тык токтой калды.

- Жок ата, мен муну аял кылам же өзүм жок болом, мен кудайдын каарына калдым окшойт, акыры кудай өзү бир күнү ийиктирет, мен мындан башканы албайм!

- Олда балам ай, ал сени тыңшап койбосо, ага жалдыраганыңа жаным кейип атпайбы, тим кой кетсе кете берсин, эрден чыкты деген жаманаттыга өзү калат, биздин күнөөбүз жабылды! - Касендин бакылдай сүйлөгөнү даана угулганда Мариямдын көзү караңгылап, кулагы туна түштү. "Оо кудай, жабылуу аяк жабылуу бойдон калып эми мен кепке калат экемин го, жок-жок мен кетпейм, өмүр өткүчө бутума жыгылтып, жалынтып жүрүп өтөм балаңды" деген ойго келди да кайра артка кетенчиктеп эшикке чыгып кетти.

Анан ал бир амал ойлоп тапты. Кечинде кечки тамак жасабай төшөккө жатып алды. Данияр кирип анын жанына отура калды да:

- Майраш, сага эмне болду, бир жериң ооруп.. - деп сурады эле ал онтоп калды:

- Ичим, ичим катуу ооруп жатат.

- Эмне врач чакырталыбы?

- Жо-ок, ысык чай ичсем басылып калаар, суук тийип калды окшойт.

- Анда мен азыр, - Данияр дароо ысык чай алып келе койду, - Мына ысык, ысык ич!

- Эки күндөн бери эле ооругансып жүргөн, билгизбей эле таежемдин көңүлүн кыйбай жардам берип атпадымбы.

- Эчтеке кылбай эле койбойсуңбу, апама айтайынчы, сага жумуш жасатпай эле койсун.

- Басылып калаар, кол жооруй турган деле жумуш эмес дечи, кол кабыш кылгандан эчтеке болбойм, ичим ооруганы….

- Азыр аптекадан дары алып келе койойун, - Данияр эшикке чыгып кеткенде Мариям мыйыгынан жылмайып алды:

"Жалдырабаганын көрөйүн, мени кетирет имиш, ушу сөзүңө мен өмүр бойу балаңды көз алдыңда гана жумшап өтпөсөмбү?" деп кекенип койду. Дары алып келип аны берээрде Мариям:

- Врачтын жазып берген дарысы болбогондон кийин бул дарыны ичсем эмне болоор экен, бүгүнчө ысык чай ичип тердеп көрөйүн, басылбаса көрүнүп анан дары ичейин, - дегенде ага Данияр макул болду. Кечки тамакты Сейилкан жасап ага ордунан козголтпой алып келип берди. Ошентип ичинен жылмайган Мариям алардан кетпей кегин алууну ойлонуп Даниярды ар кандай жол менен кыйнай турган болду. Арадан дагы беш ай өткөндө анын бойуна болуп калганы белгилүү болду. Ого бетер далбастаган Данияр эмне десе аткарып жанынан чыкпайт. Мурдагыдай жумуш кылганын да токтотту. Ал турсун Данияр бир күнү апасына:

- Апа, Майраш азыр өтө эле жаш, анча жумшабай эле койсоң, ал жасай турган жумушту мен эле жасайынчы, - дегенде Касендин башы шылк дей эле түштү, бирок эч нерсе дебеди.

- Балам, ал экөөбүз жан кыйнап жасай турган жумуш деле жок, ичкен тамак-аш менен эле жуула турган идиш-аяк, аны кудай алсын өзүм эле жасайм - Сейилкан чын дили менен айтты.

- Ошентсе деле, азыр жаш да…

- Билем балам, Майраш жаш, убагы келгенде баарын өзү билип, өзү кылып алат, - деген менен: "байкуш балам деги ушунун алдында чындап кул боло турган болдуң, сүйүүң менен сүмүрөн кал" деп уулун аяп турду.

Бир күнү Мариям ичи чоңойуп калганда өзүнү ич кийимдери менен Даниярдын кийимдерин чогултуп койуп суу ысытып жаткан. Аны көргөн ал анын колунан ала койуп өзү жууп кирди:

- Сен кош кат болсоң, ушунча кирди кантип жуумак элең, мен эле жууй койом.

- Таежемдер көрсө эмне деп ойлойт? - Мариям аны сынай карады.

- Алар азыр жок, келгенче жууй салам, - Данияр кир жууп жайып, акырында ич кийимдерди жайып атканда Касен дарбазадан кирип келатып көрүп калды. Колундагы Мариямдын ич кийимин же жая албай же ыргыта албай кайсактап туруп калганда Касен бир карап алды да үйгө кирип кетти. Мариям тайжездесин артынан карап дагы жылмайып алды: "көрүп алсын баласынын менин алдымда кандай кул болуп калганын". Данияр анын ойун кайдан билсин, атасынан уялып калды. Бирок баары бир кирдин суусун төгүп келди. Ошол күнү кечинде Мариям Даниярды сынай:

- Данияр, эгер менин айтканымды аткараарың чын болсо өзүбүзчө бөлүнүп жашайлы, таежемдер азыр али күүлүү эмеспи, чогуу жашаган жаман экен, - деди.

- Макул жаным, эртең эле батир таап келем, - ал дароо макул болду.

- Бирок мени айтты дебей өзүңдүн сөзүң кылып айт, макулбу?

- Ооба, өзүбүзчө жашайлы деп эле айтам, - деген Данияр кубанычы койнуна батпай ата-энесинин маңдайында отуруп ойун айтты эле, алар чоочуп кетишти.

- Жалгыз баласын батырбай бөлүп ийди дешпейби, ошол кантип болсун балам, алты бөлмө үйдө экөөбүз тиктешип отура алабызбы? - Сейилкан секирип кетти.

- Апа, биз өзүбүзчө жашабасак болбойт,

- Уулум, ушу сенин келечегиң кандай болооруна көзүм жетпей калды, макул бөлүнсөңөр бөлүнгүлө, бирок Мариям сага жакшылык кылбайбы деп корком.

- Эмнеге, мына баарына көндү, баш ийип калды, эми балалуу болсок анан кайда бармак эле, - Данияр ичинде кири жок эле айта салды, - небереңерди силерге беребиз да жашай беребиз.

- Өзүң бил балам, эмнеси болсо да ойлонуп иш кылсаң өзүңө жакшы….

- Баары жакшы болот, эч кам санабагыла, - Данияр кубанычтуу ордунан турду. Ошол эле күнү ал бир бөлмө батирге сүйлөшүп келип көчүп кетти. Ата-эне баарына макул болду: "Иштеп акча тапкыча кыйналып калбагыла" деп тамак-ашынан өйдө берип Сейилкан кошо барып жайгаштырып койуп келди. Ай өтүп Мариям уул төрөдү. Сейилкан аны: "төрөтканадан үйгө алып кетейин, тыңыганча үйдө туруп турсун" десе Данияр ага көнбөй батирине чыгарып келди. Оронуп жатып уулун эмизгенден башка жумуш жасабайт. Данияр баарын кылып, эртели кеч жалаякка кошуп кир да жууп бир үйдүн түйшүгүн тарта баштады. Керээлден кечке жумушта кечинде үйгө келип кир жууганга жүдөп кетти. Анда санда небересинен кабар алганы келген Сейилкан уулуна жолуга албай кетет. Наристенин атын Илгиз койушту. Достору болуп жууп отурганда Даниярдын аскерде болгон жолдош баласы келип калды. Ага күндүзү жолугуп дарегин берген эле.

- Оо кел досум, кыйналбай эле таап келдиңби? - Данияр аны жадырап тосуп алды. Мариям аны көрүп эле бир башкача абалда калды. Көздөрү улам чагылыша түшкөндө жүрөгү "зырп" этип өзүнөн өзү алагдылана берди: "эмнеге минтип жатам, мен муну мурун көрбөсөм, же мага да сүйүү келдиби? Кантип, бир эле көргөндө сүйүү башталып кетмек беле?" деп божурашып отургандардын бир сөзүн укса бир сөзүн укпай ойго батып отурса Данияр аны карады. Аңгыча жаңы келген конок да бакылдап кирди.

- Досум, эч кыйналбай эле таптым, - Мариямга карап, - Менин атым Элмар, - деп колун сунду эле ал дагы колун сунуп колдору тийишкенде дагы бир ирээт жүрөгү "зырп" этип көзүн тартып алды.

- Мариям.

- Жакшы-жакшы, - Төргө өтүп орун алган конокко Мариям чай узатты. Көздөрү тиктеше түштү, ток ургандай зырп эткен жүрөгүнүн түрсүлдөгөнү кулагына угулуп ордунан туруп эшикке чыкты. Данияр болсо аны аяп дагы да тамак-ашты өзү жасап алып келип жүрөт. Коноктор кетээр кеткиче Элмар менен Мариямдын көздөрү тиктеше калып атты. Уу-дуу болгон достор жакшы каалоо айтып, наристеге жакшылык узун өмүр ыроолоп атышты. Дагы эле кыжалаттыктан арыла албаган Мариям ыйлаган баласына шылтоолоп ары басып ашканага чыкты. Элмар Даниярдын казан-аякты өзү кармап атканын көрүп: "эрке катын окшойт, досум мурунтук салдырып алган экен" деп ойлонуп алды: "Канткен менен сулуу экен аялы, жаш да тура". Түн бир оокумда кетишти. Наристени экөө эки жагынан карап көздөрүн, мурдун, кашын баарын өздөрүнө окшоштуруп отуруп Данияр:

- Майраш карасаң, сага окшош экен, эгер кыз төрөсөң мага окшош төрөп бересиңби?

- Көрөбүз - Мариям кош көңүл айтты, анын көз алдында шапылдап сүйлөгөн, эр кабактуу, кең далылуу, келишкен сулуу жигит Элмар турган эле.

- Сага эмне болду, заматта эле ойлуу болуп калдың, менин досторум жакпай калдыбы?

- Ооба, жакпай калды, өзүбүз минтип батирде турсак жоро-жолдоштун эмне кереги бар? - Мариям аны үңүрөңдөй карады, - Тапкан акчаң жок, биртике тапканың өзүбүзгө өп-чап жетип турганда… - Мариям калп эле аны жайгарды, - Мындан ары эчтемкенин кереги жок, бир да досуң келбесин!

- Болуптур анда, эч ким келбейт, сенин айтканыңдай болот! - Данияр Мариямды имере кучактап өөп койду, анын кучагында муз болуп тоңуп калган жаш кайың турду, канчалык элжиреп өз сүйүүнө канааттанып, бактылуу өмүрдүн шооласын чачкан өмүрлүк жары эркелетип жатса да мисирейип башканы ойлоп, башканы эңсеген жүрөк аны сезбеди: "Эми жолукпай каламбы, мүмкүн мага андай адамды буйрубагандыр, зордук менен, аргасыз тагдырыма баш ийип жашап өтөмбү?" деген ойлор аны жетелеп түпсүз караңгылыкта жүргөндөй селейди. Данияр анын бул абалын сезип да туйуп да койгон жок. Кыязы ал азыр сүйүүгө мас болуп, жүрөк сүйгөн Адамы менен бир төшөктө, бир үйдө, маңдайында наристелүү жашап жатканына ыраазыбы же аны тоңуп турган кучагын, өзүнө жасаган мамилесин билсе да кайдыгерби эч нерсе дегенге жарабай уулу уктагандан кийин аны кучактап магдырай уйкуга кетти. Ошол түнү Мариям кирпик көзүн какпады, ойунда өз сүйүүсүн дүйнөнү түгөл кыдырып, жан бүткөндүн баарын аралап издеп тапкысы келди, ой күлүк дегендей таң агарганча ойлонуп жатып анан көзү илинип кетти. Данияр эртең менен эрте туруп уктап жаткан келинчегин суктана карап алып бетинен өөп койуп, үстүн кымтылап жаап койуп ашканага кирип тамак ысытып ичти да жумушуна кетти.

Касен уулу өзүнчө бөлүнүп кеткенине көңүлү ооруп алардын батирине бир жолу басып келбеди, төрөтканада гана барып ууз жыттанган, али көзүн ача элек тун небересин көрүп келген. Уулуна нааразы болуп кийинки күндөрү кан басымы көтөрүлүп тез-тез ооруй турган болду: "бул желмогуз кызды кайдан да алып бере койдук эле, баламды таптакыр мурунтуктап алды, эми ажыратуу кыйын" деп ойлосо жанын жерге койо албай чабалактайт:

- Ушу сен кайдан да алып келе койдуң экен, жетим болсо өз күнүн өзү көрөт эле го? - деди бир күнү Сейилканга.

- Капырай бармактай балдар бир үйдө калып калса, мен аларды карабай койсом арбак кечиреби, кудай алдында бир туугандык милдетимди аткардым, - Сейилкан аны жактыра бербей сүйлөдү, - сен жаман карып баратасың Касен, балдар өзүнчө жашап атат, уулуң болсо бактылуу болуп жүргөнүн көрсөң сен да кубанмаксың.

- Көрүп турам, ушул үйдө туруп турсийин жуудурган сиңдиң биротоло хандын кызындай төшөктө жатып тамак ичип жаткандыр - колун силке жактырбагандай - ошонун бактысын урдум - деди.

- Койсоңчу атасы, кантип эле ошентсин, жууса баланын жалаягын жуур, анысын жуудурбайт Майраш.

- Өз көзүм менен көргөмүн, келгенине бир жарым, эки жыл болуп баратат - бизди ата, апа десе бирдеме болобу? Акыры келинибиз го, таеже, тайжезде дегени деген! - Касен ачууланып атты, - кантсе да ата тарбиясын, эне мээримин көрбөгөндүгүн кылып атат.

- Олда-аа чалым ай, көп кейип, ойлоно берип өзүң оорукчан болуп калдың, жаштарды тим кой, эмеле кыйналып батирине төлөй албай калса келишет, азырынча жашай турсун.

- Акылсыз балаң биротоло кул болуп калганын көрүп туруп кантип ойлонбой койом?

- Мейли, ойлонушат, башкысы экөө тил табышып кеткени жакшы болду.

- Элдей болуп жалгызымдын уулун эртели кеч жыттай албасам, как баш чалдай болуп, кокойуп экөөбүз отурсак, бул эмне деген тамтык. Сиңдиңе барып айт, үйгө келишсин, мен неберемди эркелетип кубанып отурайын карган чакта, ана, - Касен Сейилканды олуттуу сөз айтчудай ойлоно карады, - Сиңдиң эми бизди ата, апа дебесе үйгө келбесин, балама башка катын алып берем, батиринде жашай берсин!

- Кой, кой абышка, акыры ата, апа дебей кайда бармак эле, сөзсүз айтат, - деген Сейилкан өзүнчө ойлонду: "чын эле келин деген келин да ботом, биз эми кайнене, кайната болуп калдык, бүгүн барып жакшылап сүйлөшөйүнчү".

Адамдын көңүлү күл дегендей Касен чындап эле келин-уулуна нааразы болуп күнү кечке ойлонуп жүрчү болду. Сейилкан аны да жайкап, уул-келинин да жайкап ортодо данакер болууга далалаттанат. Кырк жыл бирге жашап кайым айтышып көрбөгөн эрди-катын ушул жашында кээде кер-мур айтышчу болду.

*** *** ***

Топтошкон кыздардын жанына келип токтогон жеңил машинаны кыздар жабалактап баса калганда Элмира алардын жанына келди эле кыздар мындай туруп калышты:

- Сиздерге кыздар керекпи?

- Ооба, бизге энесинен башка өппөгөн кыздар керек!

- Кыз болсо жакшы болот эле, табылабы? - бири эңкейе кыздарды кыдырата карап койду.

- Ал үчүн заказ кылгыла, таап беребиз, - Элмира көзүн сүзө кылыктанып койду.

- Кыз болбосо да кылыгы жакшы болсо болду, сулуусунан эки кыз бер! - деди рулда отурганы. Элмира жан талаша кыйкырып кирди:

- Аа-ай Сезим, Аля, келгиле бери! - Эки кыз ары жактан жетип келишти, - Мына ушул кыздарым бардык жагынан тейлегенге маш, эч нааразы болбойсуңар, булар көрүнгөнгө бара бербейт, өздөрүнө жакса барышат, кана жактыбы?

- Охо-оо, - бири машинадан түшүп, эки колду чөнтөгүнө салып кыздарды сынай бутунан башына чейин карап көрдү, кудум базардан асыл тукум мал сатып алчу кардарлардай, - Болот, канча турат бу чүрөктөрүң?

- Саатына үч жүздөн, ночко миңден болот, алсаңар ошол, болбосо жок! - Элмира да баасын көтөрө сүйлөдү.

- Миң көп, азыраак ылдыйлатыңыз.

- Жо-ок болбойт, кыздарымдын асты.

- Болуптур эми сегиз жүздөн берели экөөнө.

- Мейли эми, бул кыздарым ушул жердеги кыздардын эң сулуусу, алгыла эми, кана акчаңарды бергиле?

- Мына, акчаңды ал! - рулда отурганы санаган акчаны шып ала койду Элмира.

- Охо-оо, түшкүлө сулуулар, - жанагы кыздарды тандап аткан неме каткырып күлдү, - сулуулар, суктантасыңар го кургурлар, күйгүзүп көздү тамшантып, көчөдө калганыңар курусун ай, - деп машинага түшүрдү да жөнөп кетишти. Алар кеткенден кийин Элмира өзүнүн машинасына отуруп алып ички чөнтөгүнөн акча алып чыгып санап кирди:

- Өлүгүңдү көрөйүн десе кассам чыкпай жатат, жанагы уй бүгүн такыр иштеген жок, клиент жок болуп туруп алды, тиги Кларанын кыздары укмуштай иштеп атат, - деп жанында отурган Индирага карады.

- Бүгүн менин кыздарым да иштебей жүрүшөт, как баштар, жесе желмогуздай жеп ичишет. Мага караганда сенин эки кызың жакшы баада кетпедиби.

- Ой ал ерунда, дагы сооданын алды деп сегиз жүздөн берип жибердим, болбосо миңден түшпөйт элем. Бир уйум бар блин, во-обще бир күндө бир же эки эле иштейт, кышылдап клиенттерге да жакпайт.

- Аны эмне алып жүрөсүң анан?

- Ай мен аны кетирип ийсем баары бир башкага кетип калат, мейли күнүнө бир жолу болсо да иштеп жүрө берсин.

- Сенин күндүк кассаң канча ыя? - Индира сынай сурады.

- Мен күнүнө жок дегенде эле беш миңди табам, эми кээде андан жакшы болуп деле калат, кассам беш миң.

- Охо-оо сен анда аябай табат турбайсыңбы?!

- Жанагы бир короо кыздарды эмне көркүн көргөнү ичирип, чычырып багып атат дейсиңби, - алар оозун жыйгыча эле ары жакта топтошуп жаткан кыздар топурап эле качып калышты. "Отметкага" баягылар келди го дегендей экөө бир бирин карап туруп калышты.

- Ай тиги Майраштын кыздары дегеле качып койбойт, ошонун тирөөчү күчтүүбү дейм? - Элмира Индираны карады.

- Эмне тирөөчү бар дейсиң, менин кыздарымды да бүт таанышат, айтканын аткарып жумасына бир-эки кызды бекер берип койсоң эле алар лам дей албай калышат.

- Ушу каапыр Майраш өзү тигилердин көзүрү менен соо эмес ай, мен байкап калдым да.

- Аны кайдан билем, кыскасы ал жуткучтардын тилин тапсаң алардан жакшы киши жок. Элестет жумасына сулуу, сулуу кыздар менен чер жазып бесплатно тайраңдашса, анан куруттай сомдорду чөнтөгүнө солоп берип атсак, сүйлөп эле көрсүнчү.

Ошол учурда Элмира машинадан түшүп кыздарын таппай калды. Индира дагы түшүп "Отметкага" келгендердин машинасын көздөй басты. Жүгүрүп бараткан кыздардын бири бийик такалуу өтүгү жаза басып алып жыгылып калганда тизеси айрылып кетип отуруп тизесин кармап кача албай калды. Кыска йубкасынан жоон сандары, эки эли турсийи колготкисинен көрүнүп турат. Ары жакта бир маршруткага кыздарды салып койуп жүгүрүп келаткан милиционер ага жете келип колунан сүйрөй баштады:

- Эмне качасың, эн-неңди жалап, мамаң кайда? - ал кызды жөн эле жансыз улакты сүйрөгөндөй дыркырата сүйрөдү эле кыз чаңырып жиберди:

- Маля-аа!

- Өлбөйсүң, күнүнө он, он бешти тейлеген ушундан өлөт белең, бас бол!

- Байке-е, бутум… - кыз ордунан эптеп туруп жөнөдү.

- Бас дебатам, көчөдөгү сойкулардын баарын атыш керек, бас эрте, камаймын сени!

- Байке-е, ай бутум, мамама жолугуңузчу байке!?

- Мамаң министир болуп кетиптирби, өзү барат ал, силерди камаганда кандай жетип барганын өзү да билбей калат!

Кыздын чыркыраганына, тизеси канап баса албай аксаганына карабай жетелеп барып машинага салды да фашисттерди жеңип пленге түшүрүп эрдик жасагандай тигил өйүздөгү өздөрү иштеген кыздарга жөнөдү. Алар анын келе жатканын көрүп ар кайсы жакка качканда Алтынай жанында шынаарлап жүргөн "күйөөсүнүн" жанына жетип мост жакка жетелешип кирип кетишти. Алтынай бул ишке жакында эле келген. Аны өгөйлөп жүрүшүп эми гана көнө түшкөн эле. Алтынайдын күйөөсү эч жерде иштебей жалкоолугунан акча жок болуп, түнөй турган түнөгү жок аны менен таанышып калып экөө бирге жашап калган. Алтынай клиент менен кеткенде ага акчасын берип кете берет. Ошентип "эки бакыр, бир тукур" болуп оңой бизнес менен батир жалдап, кийгени, ичкени тың. Жакында үй алабыз деп турушат. Чынында Жанболоттун аны менен жашай турган ойу деле жок, кол оорутуп, жон жоорутуп отурбай түшүп жаткан акчага гана байланып жүргөн. эс алганда эрмеги, үйгө келсе аялы, ал эми көчөгө чыкканда товары, кымбат кетет дайыма. Алтынай он жетиге толуп толо элек бойу узун, көздөрү бакырайган сулуу келин, бир баласы бар, ал ата-энесинде. Бул шаарда швеяда иштейм деп ар ай сайын Беловодскиге барып белек-бечкек жеткирип турат. Жакында эле бойуна болуп калган экен, аборт жасатып койду. Экөө мосттун алдына түшүп кыйма, чийме өтүп жаткан машиналардын катарында жол жээги менен кетип атышты.

- Жанболот, мен аябай кыйналып кеттим, элестет күнүнө беш, алты ар түрдүү адам менен "ойногонуңду" - деди Алтынай Жанболотту колтуктап баратып, - эгер сен экөөбүз үйлөнүп алсак такыр чыкпай эле төрөп, бала багып, кайненем менен үйдө отура берет элем.

- Шашпа жаным, бутубузга туруп алалы, бизнесибиз жүрүп турганда иштей берсеңчи, живой товар жакшы болуп атпайбы…

- Чарчадым, отметка, рейд, анан ал шүмшүктөр жөн кетпей ала кетип досторуна, жакындарына дарит эткеничи бир күнгө, суткага… - Алтынай үшкүрүп алды - алып кетчи мени бир жакка, экөөбүз жөн гана оокатыбызды жасап, адал акча табуунун амалын ойлончу?

- Айттым го, сен экөөбүз бутка туруп алып, анан үйдөгүлөргө жетелешип кирип барабыз.

- Ушу бүгүндөн баштап карабайм!

- Кимди? - Жанболот аны таңгала сөзүнө түшүнө бербей карап калды.

- Сени! - Алтынай ызадан каректерине толо калган жаштан муунган тейде буулуга сүйлөдү, - Сени, мындан ары жаныма жолобо, сен акча үчүн гана жүргөн турбайсыңбы, мен сага ишенип жүрсө… - ал көз жашын сүртүп алды, - сойкуну ким аялдыкка алмак эле, - ал ойлуу телмирип кетип жатты - мындан ары мени менен бир басып, бирге жашайм деп ойлобой эле кой!

- Ал эмне дегениң Алтынай, мен жөн эле бутубузга туруп алалы деп жатам го, болбосо экөөбүз үйлөнүп алсак иштей албай каласың, анан кантип жашайбыз? - Жанболот кара күчкө Алтынайды соорото айтты.

- Жо-ок Жанболот, экөөбүздүн жолубуз эки бөлөк экенин мына бүгүн түшүнүп олтурам, кайра-кайра бойумдан алдыра берип тажадым, мен да эне болгум келет, жарыкка келе элек наристелердин убалына калып атам билсең, сени менен жашагандан бери эле эки жолу алдырдым.

- Эмне, ошолорду менден деп таңуулаган турасыңбы анан?

- Сеникиби, башкабы, менин денсоолугум кетип жатат да, андан көрө төрөп алсам алар мени кийин бакмак!

- Кой Алтынай жаным, дагы бир аз чыда, экөөбүз байып алып анан жашоону баштайбыз, көрөсүң го? - Алтынайды Жанболот кучактап алып бир колу менен анын чачтарын сылап, - Эч ойлонбо, экөөбүз бактылуу болобуз! - деп алдап жайгарып жатты.

- Качан, жалаң тарпым калгандабы? Аргасыз алдында жатып да үстүндө жатып да жүрөгүң муз менен ташка айланып түшкө кирбеген, караанын мага көрсөтпөй качкан бакытты элестетип жүрүп эзилип бүттүм, мен да адамдардай эле бирөөгө сүйүктүү жар, балага эне болуп, кайын журтка келин катары кызмат кылгым келет, жашагым келет!

- Чыда жаным, тиги "биз" чогулткан акча канча болуп калды, ошону мен үйгө барып камынтып келейин, ага чейин сен иштей бер, - Жанболот андан акчаны сураганда Алтынайдын жини келип кетти:

- Эмне-е? Менин көт акымдын акчасына сенин ата-энең камынабы, келин ала турган болсо өздөрү камынсын, анда менин ишим жок!

- Сен түшүнсөң Алтынай, мен шаарда жүрүп куру кол эле барып үйлөнөм десем алар эмне дейт?

- Эмне десе ошо десин, менин анда кымындай да тиешем жок, сен мени жөн эле алдап ошол бойдон куйругуңду түйгөнү турасың, ал акчада сенин акың жок экенин билип кой! - Алтынай Жанболоттун колун силкип бошонуп ылдамдай басып жөнөгөндө ал жетип каруудан кармай калды.

- Ой жалап, унчукпай койсо мага эчтеке ээ кылгың келбейт, эмне күнү-түнү уйкудан калып жолуңду тосуп жүргөнүм сага кеп эмеспи ыя?

- Менин жолумду тос деп айткан эмесмин, ушундайда өз жолуңа түш да кете бер, сойку деген сойку бойдон калат, менин сени менен бүгүндөн баштап ишим да жок! - Жулкунуп бошонмок болгон Алтынайды Жанболоттун карылуу колдору койо бербеди.

- Алтынай, укчу мени, мен сени жакшы көрөөрүмдү билесиң да, эмне эле болуп жатасың, сени сойку деп ким айтты, Буга окшогон аргасыз иштер толуп жатпайбы!?

- Жанболот, жолумду тоспо, калтырба жолдон, кош экөөбүз мындан ары бир бирибизди тааныбайбыз! - Алтынай ылдамдай басып кетти. Жанболот аны караган бойдон туруп калды: "Сени шашпа, эмеле колума түшөсүң, сенин жаныңды чыркыратып, үнүңдү кудайга жеткирбесем элеби?" деди да арам ойун ишке ашырууга бел байлады. Жанболот Алтынайдын кассага акча чогултуп жүргөнүн билет, бирок Алтынай аны такыр Жанболотко көрсөткөн эмес болчу. Жанболот аны бир түнү эле коркутуп туруп алып кетем деп жүргөн. Ал ойу орундалбай талаада калганына намыстанды, жанында Алтынайдын акыркы иштеп келген акчасы бар. Батирди кайдан табат, жумушчу? Ушуларды ойлогон Жанболот дароо эле артынан жөнөдү: "сөзсүз үйлөнөм деп туруп анын акчасын алып алсам эле соодага чыгып кетет элем". Жанболот ылдамдай басып сууктун бети колду тызылдатканына кайыл боло Алтынай экөө жашаган батирге жөнөдү. Ал келгенде Алтынай душта жуунуп жаткан экен. Сырткы кийимин чечип диванда чалкалай отуруп калды: "Сойкулар ушундай үйдө, каалагандай жашап жатса да ыраазы болушпайт тура, мага тийсе адатын койобу, балким муну менен менин теңтуштарым, агаларым болуп жүргөн болсо алар эмне дешет, андан көрө эптеп ичи койнуна кирип алдайын да дагы эки-үч ай туруп акчасы чогулуп, көбөйгөндө коркутуп туруп өзүнөн алып кетем!" деген ойго токтолду. Ооба, булар "одиночкалар" болчу. Алардын да тагдыры кээде кыл учунда. Сутенерлор кыздарын баардык жагынан камсыз кылып, өмүрү коркунучта болбойт. "Одиночкалардын" тагдыры ар мүнөт сайын табышмак да, оор да болчу…

Алтынай кыздар менен чогуу батирге чыкпай, өзүнчө жашачу. Ага үйүнө да клиенттер келе турган. Бир жолу ага түрк келип таң атканча кыйнап, түрдүү "ойундарды" жасаткандан кийин үйүнө клиент киргизбей койуп аз өтпөй эле Жанболот менен таанышып калып бирге жашап башташкан.

Алтынай душтан чыгып эле Жанболотту көрүп үнсүз бир топко туруп калды да анан бөлмөсүнө өтүп кетти. Жанболот анын артынан кирди:

- Алтынай жаным, мына бүгүнкү тапканың, ушуну алып кетип калсам капа болуп, жаман ойлобосун деп артыңдан келдим, - деп анын жанына келип күзгүдө каранып отурган Алтынайдын маңдайына акчаны койду.

- Аны мен сенден сурадымбы, алып кете берсең болмок, - Алтынай кайдыгер унчукту.

- Койсоңчу, сенин акчаңдын кызыкчылыгы мага канчалык дейсиң, мен сенин өзүңдү жакшы көрөм, эгер сен каалабасаң анда арга жок кете берем! - Жанболот босогону көздөй басканда Алтынай артына бурулбай күзгүдөн карап:

- Эгер сүйсөң, жакшы көргөнүң чын болсо колумду сурайт элең го?! - деди.

- Колуңду сураганым ушул эмеспи, чогуу эрди-катындай жашап жатабыз, бутка туруп, бизнес жасаганга акча топтоп алып анан үйлөнөлү дегеним сага жакпай жатса эмне кылам? - Жанболот да артына кылчайбай туруп айтты эле Алтынай туруп келип аны артынан кучактап калды:

- Кечирип койчу, мен негедир адамдарга ишенбей баратам, ал турсун кээде өзүмдөн да жийиркенип жүрөм, ойлосом ата-энеме "швеяда иштеп жатам" деп арам акчаны алып барып, ак караны али ажырата элек балама арам акчалардан кийим-кече алып берем, - кайра артына бурула эки бетин колдору менен баса калды, - аа-ай кудай ай, өз тагдырымдын кай жакка бурулуп кеткенин аңдабай калып кийинки күндөрү менин кимге керегим бар, өмүрүм өткөнчө көрүнгөндүн кол жоолугу болуп өтөмбү деп коркчу болдум, - Жанболот аны ичинен табалап жатты: "дагы көрө элегиң көп, сызга гана отургузуп кетпесем":

- Кой Алтынай капа болбочу, мен жаныңда турам го, экөөбүз бактылуу болобуз, сен өзүңө окшогон сулуу кыздарды, мага окшотуп уулдарды төрөйсүң, анан баары унутулат да калат, - деп аны калп жубатып жатты. Ушул учурда Алтынай бүт эркин, дүйнөсүн ага ыроолоп ишенип турду. Аттиң, эркектин алп кучагы, жагымдуу сөзү, керемет дүйнөсү алсыз аялдар үчүн кандай табышмак. Бир нече күндөн кийин дал ушул сөзү менен бактынын сересине чыгарып турган эркектин колунан жаш жаны жайрап, жарыктыктын шамы өчүп калаарын сезбеди. Кайрадан Жанболотко ишеничи күчөп үмүт оту жанып бактылуу болчу күндөрүн элестетип анын кучагына бой урду. Андан кийин ал топтогон акчасын кайда экенин билгизбей жүргөндүгүнөн уялып өзүнүн өзүмчүлдүгүнө жини келип: "Мен эмне болуп жүрөм, сойку экениме карабай мени менен өмүр бойу кол кармашканга даяр турган эркектин ишенимин өчүрүп, бул акчаны колуна берип өзүңдө болсун десемби", деп ойлонду да кайра: "Жок-жок, анда болбойт, качан никеге туруп ата-энесине алып барганда бүт дүнүйөм, өзүм да аныкы болом, ага чейин… " деп купуя ойлонуп алды. Күндө иштеп келип, ичкендери, жегендери кул жебес болуп жүрө бермек беле, Жанболоттун шаштысы кетип атты, ич күптү болуп: "бул жалаптын акчасы кайда экенин кантип билем, кантип таптырам" деп күнү-түнү ойлонуп акыры бир күнү бир аз ичип алды. Алтынай клиент менен кеткен эле.

- Сен ичип алдыңбы? - деди аны көрөөрү менен Алтынай.

- Элестет, эки-үч саат сен келгенче мостто ушул суукта күтүп турганды, үшүгөнүмдөн ичип койдум.

- Чын эле… - Алтынай ойлуу анын колтугунда кетип жатты, - Суук катуу болуп калды ээ?

- Сен болсо клиентиң менен жырга-ап секстердин түрүн ойноп жүрсөң, мен жетим баладай ушул мосттун үстүндө ары-бери басып зорго чыдайм да жаным, - ал кара күчкө жалына сүйлөдү, - Сенин топтогон акчаң бир топ эле болгондур, көрүнгөнгө барбай бир соода-сатык кылсак болбойбу, ошондо меники гана болот элең.

- Акча, акча эле дейсиң, топтогонум зорго эле жыйырма эле болду, көбүн ичип жеп атпайбызбы?

- Ой ботом ошол, чоң соодага кирип кетсең сени эч ким тааныбай калат, прическаңды, кебетеңди такыр башка кылып жасанып ал, анан дароо үйгө барып нике кыйдырам.

- Болуптур жаным, кызганып жаткансың го ээ? - Алтынай аны бетинен өөп койду, - эртеңден баштап бул ишти таштайм да айтканыңды аткарам!

- Жаным десе, ошентчи, мен да тажап кеттим, акчаны кимге топтоп жатасың?

- Ой кимге дейт да, үйгө эле…

- Аа-аа, - Жанболот үндөбөй калды, экөө колтукташып үйгө келди, - Жаным аябай үшүп кеттим, кел экөөбүз бир бөтөлкө ичели, тамак-аш деги бар, күндө ичип келчү элең, бүгүнкү клиентиң сараң болсо керек, сыйлаган жокпу?

- Өзүм ичкеним жок!

- Кел анда, бүгүн бир ичип көңүл көтөрчү.

- Макул, минтчи эмес элең, бул акчага алып келе кал, мен тамак ысытып турайын.

Бир аздан кийин дасторкондо бир бөтөлкө аракты койуп алып аздан ичип отурушту. Жанболот улам убакыт өткөн сайын: "муну мас кылып койуп үйдү тинтем да акчаны таап алып жолго түшөм, таап көрсүн" деген ойдо отурду. Бирок Алтынай мас болбоду, дагы алып келейин деген Жанболотко ал макул болгон жок. Көптөн кийин төшөккө жатып бир бирине ырахат тартуулап махабаттын туу чокусуна чыккандан кийин уктап калды Алтынай. Жанболоттун көзү илинер эмес: "эптеп бүгүн түнү кетишим керек", деп жанындагы Алтынайдын катуу уктаганына көзү жеткенден кийин акырын турду да издей баштады. Эч жерде жок, бир кезде серванттын кулптануу көзүн көрө калды: "аа-аа таптым, эми муну кантип ачам, ачкычы кайда болду экен?" деп үйдө кийчү халаттын чөнтөгүн караса ошондо экен. Ала койуп ача койом дегенде серванттын үстүндө турган ваза түшүп кетип сынып калды. Чоочуп ойгонгон Алтынай анын колундагы ачкычты көрүп ордунан тура калды.

- Эмне кылып атасың?

- Аа-аа жөн эле… - Жанболот эмне дээрин билбей туруп калганда Алтынай жинденип кирди:

- Эй бети жок, сен менин акчамды уурдаган жаткансың го, акмак! Сенин арам ойлуу экениңди билгем, мени мас кылмак экенсиң да; азыр чык эшикке, замбал, пидарас! - деп кыйкырып киргенде Жанболот аны жетип барып оозун басып калды:

- Бас үнүңдү, болбосо терезеден ыргытып жиберем! - оозун бекем басып алганга анын үнү чыгып үзүл-кесил бирдемелерди булдуруктап жулкуна берди. Жанболот анын буту-колун байлап оозун таңып койуп сервантты жайма жай ачып таң калганынан бир саамга делдейе туруп калды. Анткени анда пачка жашыл доллар турган экен. Долларды, үч-төрт пачка болуп резинка менен буулган акчаны кийим-кечесин салган пакетке ороп салды да, ички бөлмөгө кирип альбомду издеп таап, өзүнүн сүрөттөрүн алып атканда Алтынайдын оозун таңган чүпүрөк бошоп кетип Алтынай кыйкырып кирди:

- Акмак, мени менен жашайт экен деп ишенип жүрсө, арам ойуңду ичиңе катып акча үчүн жүргөн турбайсыңбы, таштагын акчаны, анда сенин акың да жок, ташта-аа! - деп тыбырчылап киргенде жүгүрүп жеткен Жанболот эки-үч тээп туруп оозун бекем таңып:

- Эй жалап, жашай турган ойуң болсо ошончо акчаны эмне айтпай жүрөсүң, сырыңды айтпасаң, эмитен эркекти баалаганды билбесең, сени ким алат, сойку деген сойку бойдон калат, уктуңбу?! - деп дагы бир тээп үстүнөн аттай пакетин алып артына кылчайбай эшикти катуу жаап чыгып кетти.

Алтынай бул кезде акча эмес жан аргасын таппай тумчугуп баратты, ачуусу менен Жанболот аны оозу-мурдун кошо таңып койгонго аба жетпей көпкөк болуп жарым сааттай жатып анан бут серппей жатып калды. Ошентип жаш, сулуу, сойку атанган кыз өмүрү бул опасыз дүйнөдөн акча деген азаптын айынан мерт болду, жылдыз болуп жылт этти да өчтү. Буту-колу байланган бойдон жансыз үйдүн ортосунда жатты… Алтынай бир үйдүн эң кенжеси болчу, өп-чап жашаган үйбүлөдө мектепте да окуй албай калды. Өзү бир туугандарынан башкача өңдүү түстүү эле, аны мектепти бүтүрбөй эле алакачып кетип ата-энесине акча берип басып койушкан. Алтынай аны менен көп жашай албай ажырашып кеткенден кийин төрөп алган. Баласын таштап иштейм деп шаарга келет да жумуш жок радиоузелден бир аял "жумуш таап берем" деп сойкулардын арасына алып келген. Бир жылдай иштегенден кийин уруша кетип андан кетип өзүнчө иштей баштаган. Ага Жанболот ошол жалгыз иштеп жүргөндө жолугуп калып үстүнө кирип алган эле. Эми ошол таттуу кыял, жакшы үмүттөрдүн баары жалп деп өчүп, күм жам болду да калды.

Жанболот ошончо байлыкты кармап көрбөгөнгө буту жер баспай түн каракчысында ичинен кубанып ойу менен алпурушуп баратып жини келип сөгүнүп алды: "Тү-үү энеңди, аялга ишенип кереги жок тура, ушунча айтып жатсам да мынча акчасы бар экенин айтпаганын кара" деп бир ойлонуп бир нерсе ойуна түшө калгандай тык токтой калды. "Муну тирүү койсом артыман түшүп жүрбөсүн, ким көрдү кылып биротоло жайлап салбай". Ал артына бурулгусу келбей кайрадан алдыга умтулду, колунда турган бакытты бирөө жулуп алчудан бетер чоң жолго түштү да прожекторлордун жарыгы менен кетип жатты. Алтынайдын бейкүнөө өлүмүнүн билбеди. Эптеп таң атырса караанын шаарга жолотпой жоголууну ойлогон ал мурда түнөп жүрчү "точкаларына" тинтип караса баарында эл бар экен: "кудая тобо-оо, мурда мындай эмес эле, эми кыргыздын баары эле үйсүз калып жылуу суу өткөн трубанын түбүн мекендеп калган го" деп өйдөрөөк жеринен орун таап пакеттеги акчаларды шымынын ичине бекитип пакетин башына жазданып жатып уйкусу качып кимдир бирөө тийишсе тура калууга даярданып ойгоо жатып ар кайсыны ойлонуп атты.

Алтынайдын каткан доллары эки миң доллар болчу. Аны өткөндө бир түрк алып кетип арак ичирип өзү да мас болуп алып кыйнап уктап калганда өчөшүп калып кийимдерин оодарып чөнтөгүнөн долларларын уурдап качып кеткен. Ага өз атын жашырып койгон эле. Бир айдай жумушка чыкпай жүрдү. Атын так билбеген түрк аны таппай келип-кетип жүрүп акыры андан үмүт үзгөн болчу. Ал эми чогулткан акчасы чындыгында эле жыйырма миң сом эле болгон: "Үй алганга жетпейт, дагы кошуп анан айтайын Жанболотко" деп ата-энесине бергенден коркуп жүргөн эле. "Швеяда иштеп жүрсөң мынча акчаны кайдан алдың? - десе эмне дейм, үй алганда Жанболоттун иштеп тапкан акчасына үй алдык деп койом" деп ойлонуп жүргөн эле. Минтип арам акча өз акча өз башына муш болоорун кайдан билди. Бири бирин түшүнбөй бир жаш өмүр жалп деп өчтү да калды. Үч күнгө чейин анын үйүнө бир адам баш бакпады, деги ал бирөө менен алака кылып же курбу күткөн эмес. Өзү менен өзү болуп жүрө берээр эле…

Түрк Равшан аны милицияга берип өзүнчө иштеген сойкуларды бирден текшерип жүргөн участковый анын эшигин төртүнчү күнү такылдатты. Эч ким жок, коңшуларынын баарынан сурап билүүнү эп көрүп жанаша эшиктин коңгуроосун басканда андан чыккан аял ага мындай деди:

- Биз бул келин менен тааныш деле эмеспиз, өзү сойку болгону менен бизге мамиле кылбайт, - бир нерсени эстей калды, - баса үч-төрт күн мурун бир урушкандай дабыш чыгып жаткан, ошондон кийин көрүнө элек.

- Эмне, дагы бирөө бар беле бул үйдө?

- Күйөөсүбү дейин десем күндө экөө бир келип бир кетчү, андай болсо сойку болуп иштемек эмес, так эч теке айталбайм, дегиңкиси бир эркек жүрчү.

- Ал келип атабы?

- Жок, аны да көрө элекмин.

- Да-аа, - участковый ойлоно түшүп каалганы түрттү эле ачылып кетти, үйдүн ичи чачылган, ички бөлмөсүнө аттап-буттап өткөн участковый жансыз жаткан денени көрүп шашып калды да, кайра сыртка чыгып бир жакка телефон чалып койуп жанагы аялды, тушундагы коңшуларын бүт ээрчитип Алтынайдын үйүнө киришти. Үрөйлөрү учкан коңшулары анын катып калганын көрүп таңдана карап турушту.

- Атаны шордуу ай, жаштайында жайраган тура, муну ким өлтүрдү экен? - бири таң калганын жашырбады.

- Ошол кыйкырык чыккан күнү сиз айткан эркектин ушул үйдө бар экенин же кирип чыкканын көрдүңүз беле? - ал тигил аялдан сураганда ал чоочуп кетти:

- Жок айланайын, клиентиби же күйөөсүбү билбейм дедим го, күндө эшикте болсом көрмөкмүн, кээде гана көрүп калчумун.

- Аа-аа, сиз мунун үйүнө келип жүргөн эркекти көргөн белеңиз? - Участковый берки аялга карады.

- Ой жо-оок, эч кимди билбейм, ал турсун бул кызды деле кээде көрбөсөм тааныбайт элем.

Аңгыча опертоп келип калып өлүктү сүрөткө тартып алышты да скорыйга салып алып кетишти. Алтынайдын үйүнөн кол сумкасын таап паспортун алышты да ата-энесинин дарегине жөнөтүштү.

Милициядан келген чакырууга атасы келди. Моргго алып барып көрсөткөндө эркектик калбааттыгы менен бул кайгыны көтөрүп, кызына ичи ачышкан ата сурап жиберди:

- Деги эмне балакет болду, киши колдуу болгон го, айланайын балам, өлтүргөн эменин ким экенин айтчы?! - деп тегеренип кетти.

- Бул кыз өзү ушул жерде жашап, сойкулук кылчу экен. Сиздер анысын билчү белеңер?

- Жо-оок айланайын, швеяда иштеп жатам, айлыгым аз дечү. - Кантсе да кийин ичи түтөп турган ата муну укканда өз баласын жек көргөндөй чыйрала түштү: "бир өлмөктөн миң өлсүн, сойку болуп иштебей жерге киргир, карасаң эми уят кылып жатканын, деги буга эмне жетпеди экен?" деп ойлоп бир азга тунжурай түштү, - Болуптур, өлөөр кыз өлүптүр, эч кимге доом жок, алып кетем, - деди анан чечкиндүү, - эч кандай кылмыш ишин козгобой эле койгула, өз убалы өзүнө!

Ошол күнү Алтынайды үйүнө Беловодскиге алып кетти. Апасы эч нерседен капарсыз болгондуктан күйүп бышып жатты, эненин балага болгон сүйүүсүнөн жаралган эмеспи бул дүйнө, кызын жерге берип жакын туугандары тарагандан кийин күйүп-бышып ыйлаган аялына карады:

- Болду, эмне эле бышактайсың, кызың швеяда иштебей эле… - деп келатканда аялы:

- Капырай, чырактай кызым өлүп атса ыйлабаганда кантем, дегеле ата мерес, катуу болот деген чын белем?

- Жетишет, кызың сойку болуп кетсе анын эмнесине ыйлайсың, үй жай, оокат аш белен, балдар чоңойуп эч нерседен кемитпей каралашып отурат, күйөөдөн бекер чыгып алды, ошоякка ажал айдап барган тура!

- Ко-окуй, аны кимден уктуң? - эне таң кала күйөөсүнүн оозун тиктеп туруп калды.

Укканын айтып берди күйөөсү. Ошол бойдон экөө эки жерде үнсүз өз ойлору менен алектенип отуруп калышты…

Жанболот таңга маал ойгонуп кетти, көзү илинип кеткен экен. Ордунан тура калып эле башындагы пакетин алып жолго чыкты. Анан ээнирээк жерге барып акчаны санаса жыйырма миң экен, "бул туура эле экен, менден долларын кызганган го" деп эки жакты карап алып долларды караса эки миң доллар: "Оо бул акчага үй алсам болот экен, бирок бияктан эмес, бир күнү болбосо бир күнү Алтынай таап алат, бул акчаларга ичи күйүп калган эме милицияга берип розыскка жарыялайт болуш керек.. Жо-оок, сүрөтүм жок анда, эч нерсе кыла албайт" деп ойлоп анын өлгөнүн билбей Дордойго жөнөдү. Ал жерден ата-энесине кийим-кече, майда барат белек-бечкек алып алды да алыскы айылдардын бири туулган жерине жөнөдү. Анын жолдуу келгенин көргөн ата-эне кубанып тосуп алышты.

- Кайда жүрдүң айланайын, акчанын артынан түшпөй бизди ойлоп койсоң боло сарсанаа кылбай, - эне уулун жүзүнөн өбө кубанычы койнуна батпай берээрге эч нерсе таппай калдаңдап атты.

- Айрыкча апаңды ойлосоң боло, сени ойлоно берип байкуш өлөйүн деп калды, - атасы уулун токтоо карады, - кана эми сүйлө, эмненин ичинен чыктың, бул акчаң адалбы же арамдан таптыңбы..

Жанболот буйдала түштү, эмне дээрин билбей көздөрүн ала качты, бир топтон кийин:

- Ата, ал эмне дегениңиз, адал эле тапканым, иштедим… - ал чөнтөгүнөн долларды алып чыкты, - ишенбесеңиз мына, эми машина алсамбы деп атам, - өзүнүн алдастай түшкөнүн билдирбей атасына таарына кетти, - мен эмне, арам акчаны кайдан алмак элем…

Мустафа менен Батийна өз айылында өтө бардар эмес, такыр жок да эмес орточо жашашчу. Балдары үйлөнүп-жайланып, кыздары күйөөгө тийип өз-өзүнчө болуп кеткен. Мустафанын башынан балдарынын турмушундабы, айылындабы, үйүндөбү болоор нерсенин баарын билип койгон түш аяндуу жайы бар эле. Жанболот талаага түнөт жүргөндө андан кийин Алтынайга жолукканда дагы түш көрүп аялына кобураган эле:

- Уулуңдун жолу болбой ач жылаңач жүрүп, бир бейадеп аялга жолукту.

- Койсоңчу атасы, бир нерсени айтканың жаман сенин, түшүңдү жакшыга жооруп койсоң болбойбу?

- Ал түш аян, аны жоруганы кантип болсун, андан көрө уулуң тынч аман келсе болду… - деп ойлуу отуруп калган эле. Жанболот атасынын бул сырын билген менен ойлобоптур, азыр гана эсине түшүп өзүнөн өзү коруна башын жерге салып отуруп калды.

- Уулум, - деди ата, - сен бирөөнүн канын мойнуңа алып алдың, жаш кыз сени оңдурбайт, бул акчаң кан менен келди, - дегенде Жанболот атасын чоочугандай карады:

- Эмнеге ата, мен эч кимди өлтүргөн жокмун да?

- Өлтүрдүң, колуң кандуу балам, бирок милийсага түшпөйсүң, өзүңдөн өзүң эзилип жүрүп… - кантсе да ата эмеспи уулун аяп турду. Анткени Алтынайдын арбагы аны ээрчип алганын көргөндө башын чайкап тим болду, айтууга даабады…

*** *** ***

Сарвиназ айылга келгени оңуп эле калды. Чоң атасы эркелетип аны жанынан чыгарбайт. Кайда барса ээрчитип алат. Ага берки өзүнүн неберелери атаандашып бири ыйласа бири таарынып, Амалкан өзүнчө балдар менен ырахаттанып отура берет. Чоң энеси Бурмага Светанын кылыктарын айтканда, ал таңдана эчтеме дебей отуруп эле калды: "капырай де, өгөй деген баары бир болбойт тура, баласынын кылыгы тигил болсо жашабай жатып, кокус ал чоңойсо… " деп ойлонуп алып өз ойунан өзү коркуп кетти: "түү-түү, ботом эмнени ойлоп ийдим, көз карашы башкача бала экен, жакшылык күтүп болбойт" деп алды ичинен. Бул жөнүндө чалына ооз ачпады, "билбей эле койсун" деген ойдо. Сарвиназ жоош, көп сүйлөбөгөн бир мүнөздүү кыз болуп бой жетип келе жатты. Абалкан тез-тез келип кийим-кечесин алып келип берип турат. Атасын жанындай көргөн Сарвиназ шаарга эле кеткиси келет, бирок Светанын жоругун ойлогондо айнып кетет. Бир жолку келгенинде Абалкан аларга муну айтты:

- Тимур баягы биз биякка жөнөп кеткенде үйдөн кетип калып ошол бойдон жок.

- Апей ботом, каякка кетип калыптыр? - Бурма чоочуй сурады.

- Ким билет, энеси аны ойлоп биздин жашообуз да болбой баратат. Эмирге карап жатам, болбосо ажырашып эле алат элем… - Абалкан ыргылжың боло күңкүлдөдү, - аны да энесиз кылбайын деп эле…

- Ээ балам, - Бурма ага өз баласындай боор тарта акыл кошууга аракеттенди, - ажырашсаң дагы аял алууга туура келет, аны менен көнүшкүчө да убакыт өтөт, уулуңду энесинен ажыратпай жашай бер, эне да, ичтен чыккан ийри жыланын ойлобой анан…

- Абаш, дегы аялың өзүңө карамдуу элеби? - Амалкан инисин сынай карады, - жакшы болсо экөөңөр бир бала менен жакшы жашай бергиле да?!

- Жакшы эле, баласын издегенге менде убакыт жок, ошон үчүн эле кер-мур айтышып калабыз. Кызматтан кетсем кайра жумушка кириш оңой эмес ушул заманда.

- Аның да туура, алты-жетидеги бала кайда кетип калды экен? - ар бири ушул ойду ойлоп унчукпай калышкан эле.

Андан бери алты жыл өттү. Света уулун ойлонуп түнү кирпик какпай, күндүзү көрүнгөн жактан көзү талый издеп, милицияларга арыз жазып жүрүп бир күнү участковыйдан сурады:

- Шарип, менин уулумдан кабар барбы?

- Жок эже, сиздин кичинекейинде берген сүрөтүңүздү карап дегеле таба албадым. Жакында дагы рейд болот, ошондо сизге айтам, ар бир приёмныйды карап көрүңүз, - деди ал - бирок алты-жети жылдан бери рейдде кармалган балдарды балдар үйүнө, интернаттарга жөнөтүп койушат. Эгер таппасаңыз балдар үйлөрүнөн суроого туура келет.

- Аты жөнүн, сүрөтүн берейин, сен өзүң балдар үйүнө телефон чалып көрчү.

- Макул, метиркеси менен сүрөтүн дагы бир жолу бериңиз, - Шарип таап бере тургандай үмүттөнгүн Света үйүнө жөнөдү:

- Макул, эртең алып келип берем…

Бул кезде Тимур көчөдө жашап үйүнө барууну ойлобой жүрө берип өзүндөй балдардын арасында көрүнгөн жерде акча сурап нан таап жеп өзүн багып жүрүп акыры бир адамга жолукту.

- Атың ким? - бейтааныш адам ага бир сом берип көңүл бура сурады.

- Тимур, - көздөрүн жалжылдата берди.

- Кайда жашайсың, ата-энең барбы?

- Ата-энем жок, көчөдө жашап, кайыр сурап жан багам, - деп аны караганда чоочун адам аны жылмая карады: "көздөрү оттуу бала экен, жүнү тирүү, чоңойсо кыйын бала болот го", деп ойлоду да:

- Мени менен кетесиңби? - деди эңкейе берип.

- Каякка? - Тимур чакылдап кайра ага суроо узатты.

- Менин үйүмө, сендей баланы таппай жүргөм, мага бала бол, кийимиң бүтүн, кардың ток болот.

- Барам! - Токтолбой жооп берди Тимур. Дүйшөбай бир мекемеде бухгалтер болуп иштөөчү. Беш кыз, бир уулу бар.

Мал жандуу, жетиштүү жашаган Дүйшөбай Тимурду үйүнө алып барып аялына кубанып сүйүнчүлөдү.

- Сакиш, мен уулдуу болдум, Кайраттын иниси болот, өз баладай карагын, кыздардын эң кичүү иниси бар эми, экөөбүздү ушул багат, - деп Тимурдун башынан сылап кардын тойгузгандан кийин, мончо жагып жуундуруп, кийимин которду. Тимур абдан чыйрак, тайманбастыгы менен алардын өз баласындай эле бат аралашып кетти. Сакиш да балага жаман айтпаган неме аны таза кийгизип, бат-бат жуунтуп келерки жылкы окууга даярдап үйдөн Кайрат тамга таанытып окута баштады. Дээринде бар Тимур тамгаларды бат эле таанып жарым жылда шар окуганга жетишип алды. Мектептеги мугалим анын зээндүүлүгүнө таң калып алдыңкы партага отургузуп эсеп берсе бат эле чыгарып койуп карап отуруп калды.

- Ай Тимур, эсебиңди чыгарбай неге жалдырап отурасың? - мугалим андан сураганда ордунан тура калып чакылдады:

- Мен чыгарып койдум, башка эсеп бериңиз.

- Кана, кимиңер дагы чыгардыңар? - мугалим класстагы окуучуларды караганда эч кимиси унчукпады. Тимурдун жанына келип эсептеп туура, туура эмесин текшергиси келип дептерин алып караса туптуура чыгарыптыр.

- Оо азамат, мына Тимур эсепти туптуура, анан бат эле чыгарып койуптур, кана силер дагы чыгардыңарбы?

- Мен чыгардым! - бир бала колун көтөрдү.

- Кана текшереличи, - мугалим ал окуучунун жанына барып карап туруп, - азамат эки катаң бар экен, калганы туура, эми кезектеги тапшырманы доскага жазып берем, эртең аткарып келесиңер, - деп доскага жазып жатты. Көчүрүп жазып жаткан Тимур:

- Эжеке, бул эсеп аябай оңой экен, мен дароо көчүрүп жатып эле чыгарып койдум! - деп колун көтөрүп калды. Мугалим кыз үндөбөй басып келип карады да: "кызыгың түшкүр, мунун мээсинде аппарат барбы, мугалимдерди да жаңылтат го кичине чоңойсо" деп ойлоду да ары басып доскага барып:

- Балдар, силер бул тапшырманы үйүңөрдөн чыгарып келгиле, ал эми Тимурга татаал бөлчөктөн тапшырма берем, - деп Тимурду карады, - Сен муну жазып ал дагы, эртең мага көрсөтөсүң макулбу? - ары карап доскага чиймелеп жатып сүйлөдү.

- Азыр эле чыгарып көргөзбөйүнбү, эжеке? - Тимур тура калып айтканда мугалим аны тынчтандырды:

- Бүгүнкү сабак бүттү, баарыңарды эртең көрөм! - деп журналын алып чыгып кетти.

Тимурдун сабактан жакшы окуганын көргөн Дүйшөбай аны ого бетер жакшы көрүп калды. Мал караган да ошол өзүнүн баласы Кайрат кайсар, окууну да жакшы окубайт. Тапканын ошого сарптаган ата-эне Тимурдун чакылдап абдан жакшы болуп бой жетип келатканын көрүп ичтеринен тынып калат. Дүйшөбай аялына:

- Мунун дээринде бар экенин сезип анан алып келгем, көрдүңбү мугалимдерди жаңылтат экен, көзү өткүр, бул баланын жүрөгүндө жалы бар, - деди бир күнү.

- Койсоңчу, антпей эле көрүнгөн талаада жүрүп жаш да болсо көкөйүнө тийгендир, - деди.

- Ой ошол көчөдө жүрүп да бир бети колун, киймин кир кылбаптыр, уурулукка берилбептир, кайыр сурап жан багып жүрүптүр, мунун мээси кыйын иштейт.

- Мейли эми колуңда турат, көрөсүң да, Кайратым окубаса да аман эле болсо болду, - деген Сакиш күйөөсүнүн Тимурду өтө мактаганын жактырбай өз жумушун жасоого өттү. Каникул убагы болуп калган, Тимур колуна китеп алып кой кезүүнү кайтарууга кетти. Кечке койду кайтарып эми үйгө жөнөөрдө шамал, бороон болуп, андан кийин күн күркүрөп жаан төгүп кирди. Малды айдап үйгө келип санаса бир козу жок.

- Мен козуну издеп келейин ата, ал табылса алып келип калайын, кайыгып өлүп калбасын, - деди.

- Кой балам, күн катуу жаап жатат, козуң эмес өзүң да кайыгып каласың, - Дүйшөбайдын каршы болгонуна карабай текилдеп жүгүрүп кетти. "Барбай эле кой", деген сөзгө көнбөгөн Тимурду артынан чакырып, кыйкырса да болбой көздөн кайым болду. Ошол түнү ал келбей калды, Дүйшөбай менен Сакиште уйку жок, улам ит үргөн сайын эшикти карап атышты. Түнү менен күн күркүрөп, чагылган чартылдап жаан тынбай жаады. Эртеси эртең Дүйшөбай азандан туруп атын токуду да Тимурду издеп жөнөдү. Түнү бойу жааган жаан басылып, жайлоонун жашыл ыраңы көк тукаба төшөп койгондой көркүнө чыгып, аба тазарып адамдын көңүлүн эргитет. Жагымдуу жыпар жыттуу тоо гүлдөрүнүн аңкыган жыты каңылжаарды жарып жүрөк толкундатат. Дүйшөбай атына улам камчы салып койуп желдире кетип жатты. Улам эки жагын каранып "Тиму-ур" деп үн салып койот. Өзү койун жайып жүрүп жайыттын ар бир коңулуна чейин билгендиктен ал орчундуу үңкүр, жарларды карап жүрдү: "караңгыда коркуп далдоого кирип уктап калгандыр" деп улам кыйкырып кете берди. Бир кезде кырдан карап туруп тээ коктуда ылдый көздөй сербеңдеп кетип жаткан караанды көрүп сүйүнүп кетти:

- Тиму-ур, оой Тимур! - анын үнү коктуга угулбайбы же ал байкабадыбы, бир кезде абайлап карап көрүп анын жер казып жатканын билди: "буга эмне болду, эмнеге жер казып жатат" деп ойлонуп кыр ылдый ат бастырып жөнөдү. Коктуга түшө берээрде Тимур терин сүртүп алып жолго түштү. Ал Дүйшөбайды байкаган жок, колунда кичинекей ак козу.

- Тимур, эй Тимур! - Дүйшөбай катуу кыйкырганда ал артына карай берди.

- Оов.

- Эмне болду айланайын, деги аман-эсенсиңби? - ал камкор ата катары абалын сурады, - Түнү менен күн жааганынан кабатыр болуп издеп чыккам.

- Оой, издебей эле койбойсузбу, мен үшүгөн да, корккон да жокмун, козуну таап алып жөнөгүчө күн төгүп жиберди, анан мен тээтигил жердеги таштын коңулуна кирип кетип уктап калыптырмын, - эч нерсе болбогондой күлүңдөдү Тимур.

- Ок мурду урайын десе, биз апаң экөөбүз тең сени күтүп ит үрсө карай берип уктабай чыкпадыкпы.

- Ай, - деп алды балалык кылыгы менен, - Мен козуну аядым да, болбосо барып калмакмын.

- Козуну кайдан таптың?

- Адашып калыптыр, улам маарап койуп оттоп турган экен, көрүп калып эле кармап алып жөнөй берейин десем… - Тимур дагы бирдеме айтайын деп токтоп калды. Дүйшөбай козуну алдына өңөрүп Тимурду артына учкаштырып үйүнө келди. Сакиш чайын кайнатып аларды күтүп отурган экен. Ал эне эмеспи, алдынан чыга Тимурдун башынан суу айлантып чачып үйгө киргизгенде балалык сезими бир нерсени эңсеп сагынгандай улутунуп алды. Ал ушул учурда өзүнүн апасын эстеп алды: "мени издеди бекен, же келет да өзү деп койуп күйөөсү экөө бейгам жашап жатабы?" деп тунжурай түштү. Бирок ошол улутунуп өкүнүүнүн артында чоң кубаныч жаткан. Ал кечинде жүгүргөн бойдон козу издеп кой жайылган жерлерден аны таап алып күн катуу төгүп жибергенде жүгүрүп бир жардын түбүнө отура калды эле үшүп отуруп уктап кетти. Козуну кучактаган бойдон уктаган Тимур бир дабыштан ойгонуп кетти. Калтырап калыптыр. Эки жагын караса ары жакта келемиштер жүрөт. Сокур чычкан ийин казып бир топ кылып жаңы топуракты үйүп койуптур. Чыйрыкканынан бүрүшүп отуруп кайра үргүлөп кетти. Ошондо анын түшүндө бирөө сүйлөп жатыптыр: "Уулум тигил жердеги түйүнчөктү ал да, катып ал, өзүңө керек болот, ал сенин ырыскың". Чоочуп ойгонгон Тимур ким сүйлөп атканын баамдай албай ордунан туруп эки жагын караса эч ким жок. Жар дегенибиз кадимкидей бастырма сыяктуу он чакты адам бата турган жай экен. Тимур ары-бери басып карап жүрдү, таң аппак атып жаан басылып калганын көрүп сүйүнүп козуну көтөрүп жөнөй бергенде артынан сокур чычкандын чыйпылдаганы угулуп жалт карай берсе алдыңкы эки бутун көтөрүп алып сокур чычкан аны карап чыйпылдап атыптыр. Тимур аны көздөй басып үйүлгөн топурактын жанына жеткенде бутуна таш урунду. Эңкейип караса бут алдында баштык сыяктуу неме, алып караса чын эле кичинекей баштык экен. Ала койуп таң калды, чүпүрөк эмес териден тигилген баштык, ичинде таш салып койгондой оор, акырын козуну жерге койду да баштыкты ачып караса тай туяк алтын. Тимур аны таң кала ары-бери салдырып карап туруп эмелеги көргөн түшүн эстеди, ошол замат баштыкка алтынды салды да бала болсо да аны бирөөдөн кызгангандай эки жагын карап алып койнуна катып үйгө жөнөдү. Жолдо келатып: "бул алтын тура, муну бекитип койойун, муну тигилерге берсем мага ээ кылбайт, дагы төрт-беш жылда чоңойуп калсам муну алып шаарга апама кетем!" деген ойдо жанагы чо-оң таштын түбүн белгилеп туруп жерди казып, көмдү да таштарды үйүп койду "кой кайтарганда көрүп турам" деп ойлонуп кетип атканда анын ойун Дүйшөбай бузду. Он үч жаштагы баланын бул байлыкты кантип пайдаланары өзүнө белгисиз: "Эгер мен муну алып жүргөнүмдү бирөө көрсө тартып алат" деп ойлогон ал ар убак келип ташты айланчыктап үйүлгөн ташты карап анан кетет. Дүйшөбай эч нерсе сезген жок. Көнүмүш оокаттары менен алек. Кайрат мектепти бүтүп окууга тапшырды. Аны Дүйшөбай тааныш издебей эле өзүнүн курсташына дайындады:

- Ушул баланы өзүң окутасың, мен сенин оозуңдан чыгарганыңды аткарам, - деди бакылдап.

- Сөзсүз да, сенин уулуңду окутпагандачы, - ал да анын көңүлүн жайлап убада берди. Ошентип Кайрат чоң окуу жайына окуп калгандан бери Тимур бир үйдүн сырткы жумушун аткарып окуусуна да жетишет. Ал сабак окуп жатканда эч ким тоскоол болбойт. Арадан беш жыл өтүп кетти. Беш жыл ичинде Тимур апасын эстегенде элестете албай убара болчу; "тааныбай калдым го, ал да мени тааныбай калат, эмнеге качтым экен, ушинтип өмүр бойу өз энем менен көрүшпөй каламбы" деп ойлонот. Быйыл мектепти бүтүп жатып дагы ойго батты, Дүйшөбай аны өзүнө каттатып алган: "Менин өз фамилиям кандай экенин да билбейм, аттестатым да Дүйшөбаев болуп калса… "

Акыры бүтүрүү кечеси болуп Тимур күмүш медаль менен бүтүп кол чабуулар менен аттестат алды. Ушул учурда алдыңкы орунда отурган Дүйшөбай тура калып аны кучактап куттуктап:

- Ак жолуң ачылсын уулум, бактылуу бол! - деп бетинен өөп далысынан таптап койду.

- Рахмат ата, сиздин эмгегиңизди актоого аракет кылам.

Тимур ушуну зорго айтты, толкунданганынан көздөрүнө жаш кылгыра түштү. Ушул саам анын маңдайында өз энеси Светанын элеси элес-булас көрүнө түшкөндөй болду, муңая өзүн карап: "сен кайда кеттиң уулум, мен сени издеп чарчадым, деги бул жарыкчылыкта барсыңбы?" деп тургандай сезип жүрөгү зыркырап: "ушунун баарына ошол гана күнөөлүү, эгер ал болбогондо мен апамды таштап жетимдин күнүн көрбөйт болчумун" деп Абалканга кекенип алды.

Дүйшөбай аны да окууга өткөрмөй болду, мал сатып аны мунусун дайындамак болгон атасына Тимур:

- Эч убара болбоңуз, жолума эле каражат берсеңиз мен өз күчүм менен өтөм! - деди өктөм.

- Жок уулум, ошентсе да баарын акча чечет, култуйтуп бере салсаң мултуя гана даяр тургандарга өзүм дайындайм, медалың менен го илинесиң, баары бир үмүтөтөт.

- Эч нерсе бербей окуйм, өз күчүмдү сынап көрөйүн, эгер болбой баратса быйылдан кийин деле окууга кеч эмес.

- Кой балам, сен тартынып атат окшойсуң, мен сени өз баламдай көрөм, демек өзүм сөзсүз дайындашым керек!

Дүйшөбай ага болбой жолго даярданып алды. Эртең кетем деген күнү Тимур баягы багып жүргөн байлыкты алып эптеп кийим салган сумкага салып кетүүнү ойлоп тоо беттеп жөнөп калды. Ал дал ошондой кылды. Жуп кетээринде сумканын түбүнө кийимге ороп салып эч байкатпай көтөрүп алды. Анын ойунда биринчи шаарга бараары менен эле апасын издөө болуп турду. Эстеп, эстеп кайсы көчөдө кай тарабында экенин көз алдына келтирип: "таптым, билем, сөзсүз апамды табам!" деп дилинде кубанып алды. Анын ички сезимин, жүрөгүндө кандай өкүнүү барын да, ушул томуктайында кайыр сурап жан баккан баланын келечеги кандай экени Дүйшөбайдын ойуна да келген жок. Шаарга келгенден кийин эки-үч күн өзүнүн тааныштарына дайындап кошо жүрдү, Кайрат экөөнү атайын бир үйгө жайгаштырды. Бул учурда Кайрат окуусун бүткөнү калган эле, практикада жүргөн. Сумкасын кайда барса ала жүрөт, андагы түшкө кирбегендей байлыктын барын ким билмек, эгер көрүп калса андан ким баш тартмак.

Акыры Дүйшөбай аны мединститутка киргизди да өзү айылга жөнөп кетти. Ошол эле күнү ал болжолдоп өткөндү эстей үйдү издеп жөнөдү.

Абалкан менен Света уулу менен жакшы эле жашап жүрүштү. Эмир онго чыкканда аларды кайгы басты: Амалкан, андан кийин жыл өтпөй Бурма өтүп кетти. Сарвиназ болсо окуп жаткан. Айылдагы малды карап бакканга алар көчүп бармай болушту. Эне жүрөгү сезимтал болот эмеспи, эртедир кечтир Тимур кирип келчүдөй эле күтө берчү. Ал бул үйдөн кеткиси келбей:

- Абалкан, бул жерден кетип калсак Тимур бизди таппай калат го, үйдү сатпай эле койолучу, - деди ыйламсырай, - мына Эмир деле чоңойуп калды, үйдүн кереги тийбей койбойт.

- Жок, үйдү сатпасак болбойт, үйдү сатып алгандарга дарегибизди таштап кетебиз.

- Мен кетпейм, мен уулумду ар убак келип калчудай болуп түш көрүп атам.

- Света түшүнчү, дарегибизди таштап кетсек таап алат, эмгиче чоңойбодубу кантип таап албасын? - Абалкан саал ачуулана: "балаң ушунча жылдан бери тирүү экенин кудай билет", деп айтайын деп барып токтоду. Акыры Света көндү. Он бир он экилерге барып калган Эмир дагы аны кетүүгө аргасыз кылды:

- Апа, сиз кетпесеңиз анда кала бериңиз, күтө бересиз, мен атам менен кетем, кайдагы бир балаңызды күтө бересиз, күтө бересиз, дагы атам экен, сиздин эркиңиз менен болгон…

- Алда-а балам ай, анын тирүү экенине менин көзүм жетип турат, ал сенин бир тууган агаң болот.

- Мейли, агам болсо болсун, келсе келээр, андай эле келип калса табат да.

Ошентип алар үйдү сатып айылга кетишти.

Айылга баргандан кийин Абалкан үйдө эле болуп калды, жумуш жок, элдин баары соода сатык менен жан багып калган кезде кайдагы кызмат. Өзүнүн кызматынан бошогонго туура келген. Анткени демократия күчүнө кирип атаандашуу анан да көз көзүнө акча ыргытып турган адам менен ордун ээледи. Эч нерсе менен иши жок тынч гана өмүр сүргөнгө не жетсин. Кудайга шүгүр мал жаны бар. Сарвиназ мединститутка тапшырып азыр үчүнчү курста окуп калды. Света ага мал сатып контрагын төлөгөнү келгенде эле тырышып калчу болду:

- Кыз баланы окутканда эмне, андан көрө көпчүлүк катары соода кылса деле болмок, эчтеке калбай калат го?

- Света, бир кызды окутуп койбосок болбойт, мал эми биз аман болсок болот, ичиңди кенен салчы, бай болгур!

- Ичимди кенен салган үчүн ушинтип өз билгениңерди кылып жатасыңар, бир нерсе десе өгөй деп чыга каласыңар, - Света тултуңдап, бара-бара кыял жоругу өзгөрүп Абалканга бийлик кылам дегениби же баласы тирүүлөй жоголгонуна ичи күйүппү, кийинчерээк долу болуп аңкылдап кирчү болгон. Азыр дагы ошол кыялы кармап оозуна эмне кирсе ошону айтып кирди: - Кызыңды окутканда эмне президент болот беле, көп болсо да бирөөнө катын болот да, кызым, кызым дей берип сенин азабың өттү, ошол шүмшүгүңдүн айынан балам жоголду болбосо..

- Эмне, сенин балаңды менин кызым бирдеме деп коркуттубу, урдубу? Кой Света, сен Сарвиназды шүмшүк дегениңди кой! - Абалкан ачуусун жыя токтоо сүйлөдү.

- Ооба-ооба, , сенин шүмшүгүң жок болсо балам көнүп эле калат болчу!

- Эй энеңди урайын катын болгон, анда ошондо эле балаңды ээрчитип алып кете бербейт белең, жолуңду ким тосуп, колуңду ким кармады?

- Мына бул жалаңкыч үчүн кармалып калдым, атасыз кылбайын деп.

- Аны сен кете турган болсоң өзүм алып калмакмын!

- Ошону сага берип койууп кетет белем? - Света аны жеп жиберчүдөй карады, - шыйрагын да карматпайт болчумун.

- Анда экөөнү ээрчитип алып эч жерге батпай жүрмөксүң?

- Оозуңа карап сүйлө, ошол шүмшүгүңдү жаштайында эле өлтүрүп салсам болмок экен, өлөөрүнө аз калды эле уу берип койсом болмок!

- Ансыз да өз ачуумду өзүм басып койгонума ыраазы бол, дагы ырысың бар экен кызым тирүү калды, кокус бирдеме болсо сени балаң экөөңдү тең өлтүрүп коймокмун! - Абалкан ары-бери басып ачуусун тарката албай калчылдап атты, - Ошол наристе кыз сени мамалагандан башка не кылды эле ыя?! Ага эле эмне мынча асылып калдың, билбейм. Деги ошого асылганыңды койбосоң азыр да кеч эмес, кете берсең болот, катынсыз эле жашайм!

- Кетсем канча жылдык энчимди ала кетем!

- Бердим деги, жинди келтирбей жоголчу!

Ушул учурда Эмир кирип келди.

- Силерге эмне болду? - экөөнү алмак салмак карап туруп калды.

- Атаң экөөбүздү кеткиле деп атат, Сарвиназ эле болот экен буга! - Света атайын кайрай сүйлөдү.

- Эй сен эмне калп айтып жатасың балага, сен кеткен күнү да балам өзүм менен калат, жалгыз баламды тентитип койуп ушул жерде эмне кылмак элем?

- Апа, сиз эмнеге эле долуланып атасыз, атам эч качан антпесин мен жакшы билем, дагы кыялыңыз кармап калган го? - Эмир Светаны көздөй басты, - Сиз эч жакка кетпейсиз, мен дагы, ал эми сиз мындан ары атама эби жок кыйкырганыңызды койуп жүрүңүз, - ал апасын тынчтандырууга аракеттенип кучактап өптү, - Мен десеңиз атам менен урушпай жүрүңүз!

- Атам, атам деп, менин уулум тирүүлөй жоголуп эмне болуп жүргөнүмдү силер билбейсиңер, - ыйлай баштады.

- Аныңды билип, көңүлүңө карап эле атам го, анан эмне кылышым керек, жоголсо табылаар, тирүү болсо келээр, - Абалкан жоошуй түштү, - Сарвиназды эле жекирип алыста жүрсө асыласың, ал сага жаман айтпаса, - Абалкан ойлуу отургучка отуруп калды.

- Билбесең билип ал, мен ал шүмшүгүңдү көрөйүн деген көзүм жок, ушул үйгө мен турганда келбесин!

- Ал эмне дегениңиз апа, анан кайда бармак эле, ал сизге эмне кылды? - Эмир апасына тике карады, - биз турганда биерге келет, күйөөгө тийгиче ал бул үйдүн мүчөсүнүн бири экенин унутпаңыз!

- Кой балам, апаңдын ага күнүлүк кылганын билбейсиң, аны кичинекейинде өлтүрүп койо жаздаган. Аны келтирбей эле ошол жактан үй алып берем да бардык шартты түзүп берем, сен барып турасың.

- Ооба! - Света үнүнүн барынча айкырып жиберди, - ошол шүмшүккө үй алып бере турган болсоң мен өзүмдү өзүм асып өлөм!

- Өлө бер, чычкандай кызга күнүлүк кылганыңды койо албасаң.

- Тигини, тигини, мен өлсөм кубанасың да ээ, мал сатып шаарга барчу болсоң мобул үйдү өрттөп кетем! - Света чаңыра берди. Эмир апасын кучактап тынчтандыра албай жатты.

- Эмне болуп жатасың апа, ал менин бир тууганым, мени дагы жекте анда, аны келтирбесең мен да кетем уктуңбу, мен дагы бул үйдөн кетем, ушул жерде силердин урушуңарды угуп отургуча! - Эмир ачуусу менен ыйлап үйдөн чыгып кетти!

- Эмир, Эмир дейм, кагылайын балам, кайт артыңа, бириң үчүн күйүп жинди болуп отурганда сен да балээни баштай көрбө, андан көрө мени өлтүрүп койуп кет! - Света анын артынан жүгүрүп чыкса короодо көрүнбөдү. Кайра кирип Абалканга жалдырап ийди:

- Сен чыкчы, бир жакка кетип калбасын, мен, мен сүйлөбөйм.. Чакырып келчи балаңды! - ал сүйлөп да ыйлап да жатты.

- Өзүң тап, кайдан тапмак элем, менин тилимди алабы?! Өзүңдөн көр, төрөгөн балдарың үйдөн качма болот тура! - Абалкан камаарабай отуруп алды. Ал Эмирдин эч жакка кетпесин билип козголбоду:

- Муну кара, мени табалап турганын, сага кайсы гана күнү туш болдум экен? - Света сыртка чыгып баратып сүйлөнүп атты, - ушу сага тийгенде мени шор баскан экен…

- Мен да сени алганыма өкүнгөнүмө көп болду, көрсө тагдыр деген ушундай экен да-аа! - башын жерге сала отуруп санаага батып Жамалын эстеди: "байкуш аябай жапакеч эле, Сарвиназ апасын тартты, ак көңүл, жумшак, таза, тыкан. Ушул кыз өз ордун таап алса жакшы болот эле, бактылуу болсо экен".

Аңгыча Света кирди:

- Ой карасаң боло, аның эшикте жок, кайда кетип калды олдо кудай ай, шорго туулган экемин го, ушул азаптан көрө же өлүп калбадым, - какшана бергенинен жадаган Абалкан үнсүз ордунан турду да сыртка чыкты.

Света үйгө отура албай кайра күйөөсүнүн артынан кошо чыкты эле ал:

- Кайда кетмек эле, кирип тамагыңды жасай берчи экиленбей, - деди.

- Макул, - Светанын ичи уйгу-туйгу болуп араң турса да аргасыз үйгө кирди. Ошол убакта Эмир тамдын бурчунан чыгып:

- Ата, сиз кабатыр болбоңуз, апам унчукпай калгыча мен бекинип тиги Садыр авамдыкына кетип калайын, - деди шыбырап.

- Койсоңчу, ал мага тынчтык бербейт, тим койсоң ал азыр үйлөрдү түтүнмө түтүн кыдырганы турат.

- Сиз тилин албаңыз, мен да кетип калайын, экинчи сүйлөбөс болсун.

- Болбойт, болгон баягы адаты балам, мага келгенде гана бир аз кыялын карматпай жүрдү, анан баштады, деги тажадым… - Абалкан ойлуу уулун карады.

- Анан эмне кылыш керек? - Эмир атасын суроолуу карады.

- Билбейм, бу кыял өзү менен кошо жатат да…

Эмир унчукпай туруп калды. Экөө бир саамга үнсүз туруп калышты. Света көрүнгөндө Эмир үйдүн далдоосуна жашынып калды.

- Ой, сен ушерде эле турасыңбы?

- Турбаганда эмне кылам? - Абалкан кайдыгер унчукту.

- Капырай, менин балам жоголгондо го башка эле, өз балаңа да кайдыгер мамиле кыласыңбы?

- Сен ушу менин балам, сенин балаң дегениңди токтотчу, бала баары бир бала да!

- Мейли, мейли, сен отура бер, мен аны издеп келейин, - ал дарбазадан чыга берээрде:

- Деги бир тынч алаар күнүң болобу, баланы көрүнгөндөн сурап элге кеп болосуң, кайда кетмек эле келет, кирчи үйгө, биер шаар эмес, - деп Абалкан наалый сүйлөдү.

- Жоголгондон көөнүм калган жаным сага жек көрүндү болдум окшойт… - Света сыртты көздөй таштаган кадамын токтотуп үйдү көздөй басты: "деги мен эмне болуп жаралгамын, ушуга өчөшүп Тимурду уруп койуп өлүү-тирүүсүн билбей отурам, шүмшүк кызына керек десе жанын бербейби, ага мынча эмне күйүп бышам, эми караганым жалгыз бала болсо муну да үйдөн качырдым, келип калса экен кудай ай" деп өз ишине алаксыганы менен ойу онго, санаасы санга бөлүнө берди. Сыртта калган Абалкан өзүнчө санаада: "Адегенде Сарвиназды жакшы көрүп, өз энесиндей кам көрүп, жуундуруп карап жүрүп эле кийин өнөрүн көрсөттү, деги жаралгандан долу болсо керек, эптеп батып алгыча өзүн өзү кармаган экен" деп ары-бери басып жүрдү. Кийинки күндөрү жаман түш көрүп кыйнала берчү болду. Анын түшүнө Жамал кирип кадимкидей экөө сүйлөшүп отурушуптур. Эмнени сүйлөшкөнү эсинде жок, ойгонуп кетти. "Көп ойлонгондуку го" деп жоруп койду. Ал күнү чын эле Эмир үйгө келбеди. Эртеси эрте келип сумкасын алып мектепке кетип калды. Ал атасын жакшы көрчү, ал айтканын аткарып, көп сүйлөөчү эмес. Бир калыпта токтоо, салабаттуу жүргөнүн жактырчу. Света негизи эч нерсени баамдабай сүйлөй берчү. Карып калды дейин десе отуз жетилерге араң чыккан аял. Ушакка да жакын.

Жашоо уланып, убакыт суудай агып, жебедей сызып өтүп жатты. Кийинки күндөрү Света көп айылчылап кызуу келчү болду. Ал келгенде:

- Кайда жүрдүң, бүгүн тамак ичпей ачка болдук балам экөөбүз, - деген Абалкандын суроосуна жообу даяр.

- Тиги Жанаркандын кызы күйөөгө тийиптир, той берип аткан экен, барып отуруп калдым.

- Чакырбаса эле бара бересиңби? - күйөөсүнүн минтип сураганын жактырбай чыртылдап кетти:

- Эмне барса болбойбу, үй күчүк болуп жүрүп бүттүм деги мен деле адаммын го, айыл үйгө чыкпай өлөйүнбү?

- Сени ким камап атат, шарты менен, чакырган жерге бар, жөн эле барганыңды ким жактырмак эле?

- Ой мен деле билбей барып калып, анан Жанаркан азыр балдардан жөнөтөйүн деп аттым эле деп жибербей койду.

- Ошентип койгондур, мейли, тамак бышыр, орозо карматпай, - Абалкан калган сөзүн уккусу келбей сыртка чыгып кетти. Ошондон кийин анын ичкени көбөйдү. Кээде аябай мас болуп жыгылгыча ичип үйгө зорго келет. Адегенде эч нерсе дебей сүйлөбөй: "Эмне болоор экен, ичип алып көрсүн, акылы болсо эсине келээр" деген Абалкан тим койду. Анын ичип алып көчөдөн мас болуп келгени Эмирге жаккан жок, классташтарынан уялып:

- Эмнеге мынча ичесиң, ичсең бар ата-энеңе кет, минтип ичип жүрсөң эне катары эсептебейм! - деп Эмир тетири басканда Света:

- Эй бала, силер атаң экөөң бокту билесиңерби, менин күйүтүм бар, күйүтүм, силер мени түш-шүнбөйсүңөр! - деп жатып алат.

- Болоор болбосту күйүт деп анык күйүткө кабылганы жүрөсүң катын, кудай десең боло, кийимиң бүтүн, кардың ток, элчилеп мээ кайнаткан ысыкта, кычыраган кышта базарга чыгып нан тапкан жоксуң, ырыскыны көтөрө албай өзүңдү жоготуп жатасың! - Абалкан жай, түшүндүрө сүйлөдү ага.

- Болоор болбос деп, менин баламдын жоголгону сен үчүн болоор болбос эмей, кабыргаң кайышмак кайда? - ал кергиштей тетири бурулду.

- Менин балам деп, балаңды чекеге черттимби же сенчилеп өгөйлүк кылдымбы, качып кеткен өзү, менде эмне күнөө?

- Сенде күнөө, ошону имере албай койдуң! - Света атайы эле ага ошентип мас болсо да: "эмне дээр экен" деп айтып алды эле Абалкан чарт жарылып кетти:

- Энеңди урайын акмак, балаң ошондо эле арам тура жаш болуп туруп, кайдан деги кутулбаган балээге калдым эле, төрөгүчө момун болуп, төрөгөндөн кийин өнөрүн көрсөтчү аялдардын антыбы? - жини келип уруп ийе жаздап кайра өзүн өзү сооротту: "жаманга корогон кайран сөз, кайран муш" деп.

Света ичкенин токтотподу, коноктордон карыз алып ичкен экен, бир баштап карыз доолап келе баштады. Бир ууч айылда аны бат эле таанып сөз кылып кээ бирөөлөр шылдыңдап күлүп басып кетишет. Абалкан менен Эмир аны үйдөн чыгарбай камай турган болду. Оокат аш жасаш деген жок, аялдын ишин да өзү кылып Абалкан жүдөп кетти. Бир күнү ал Эмирди таятасына жөнөттү. Куржунбай келгенде ал мас болуп уктап жаткан. Эсен, амандык сурашкандан кийин Абалкан сөз баштады:

- Светаны мен деле жамандагым келбейт, ушунча жыл жашадык, уулубуз турат. Тимурдун үйдөн качып кеткенине катуу кейип өзүн өзү кармай албай калды, сиз акыл насаат айтып кетпесеңиз болбойт.

- Тимурдун жоголгону он жылдан ашып кетти го, ошондон бери чыдап жүрүп эми күйүп бышканы эмнеси? Өз акылы өзүндө да, андан көрө муну мен үйгө алып кетейин, апасы экөөбүздөн тартынып ичпей калаар… - Куржунбай күйөө баласын аяп кызына нааразы болуп отурду, - Эмнеге мынчалыкка барып жүрөт?

- Кайдан билем, эркектей болуп чекесине чертпесем, мына баары эле турат, бул болсо арманым, күйүтүм ичиме батпай кетти деп эле эртең менен кетип кечинде ушинтип кыйшайып келет.

- Кой балам, мен үйгө алып кетейин…

- Өзүңүз билиңиз, - Абалкан бир топко унчукпай отуруп калды да. - Ата, сиз мени кечирип койуңуз, - уяла жер карады, - Көрсө адам деген барды да жокту да көтөрө албайт тура, же менин укчукпаганымдан тооптой атабы?

- Капа болбо, эсине келээр… - Куржунбай чай ичип көпкө отурду. Алар чай ичип отурганда бут серппей уктап жаткан Света ойгонуп ордунан козголгондо атасынын үнүн угуп көпкө башы ооруса да жата берди. Куржунбай тамагын кыра дабышын чыгарып ага үн салды:

- Света, турбайсыңбы кызым, үйүңө келсем уктап жатасың, ата-энени унутуп калгансың го, өзүң барбасаң мен келдим.

- Тур ай Света, бирдеме жасай гой, атам келип калыптыр, - Абалкан да ордунан туруп жанына барды.

- Өзүң деле жасай койбойсуңбу, башым ооруп өлгөнү жатсам да мени жумшайсыңбы? - Света ага бурк эте бир тийди.

- Ал эмнең кызым, мен тамагыңды ичпейм, тур кийин, апаң сени алып кел деп жиберди, карып калдык, анда мында жардам берип койсоң боло?! - Света шишип көөп ордунан зорго турду, атасынан уялып турганы менен кускусу келип, башы жарылгыдай ооруп турган эле.

- Ата келиңиз, менин табым айнып башым ооруганынан эле жатып алдым эле… - ал эч нерсе билгизгиси келбегендей басып келип жакындабай туруп апасын, инилеринин абалын сурады. Бирок канчадан бери ичип жүргөнгө көчөдөгү алкаштар сыяктуу эле бир жыт бур дей түштү.

- Алдагы түрүң эмне кызым, башың арактан ооруп жаткан жокпу, ата-энени уятка калтырып намысты таптакыр тепкени калгансың го? - Света отура калды, бирдеме дейин дейт сүйлөөгө кудурети жетпей жүз грамм басып алгысы келип атасынын сөзүн кулак сыртынан кетирип ичинде күйөөсүнө жини келип турду: "шүмшүк, мен жөнүндө жамандап айтса керек, болбосо менин ичкенимди кайдан билет" деп өзүнүн канчадан бери жуунбай күндө мас болуп келип жатып алып таң аттырып, үй-жайды, күйөөсүн, баласын ойлобой адам катарынан чыгып баратканын сезбей Абалканга кекенип алды: "сени шашпа, карызга батырып, кызыңа төлөөрүңдү арактарга төлөтүп азабыңды колуңа бербесемби?"

Куржунбай көпкө үндөбөдү, кызынын азыркы кейпин көрүп уялып турду, күйөө баласын күнөөлөгөнгө оозу барбады, кантип күнөөлөйт, Светанын ушул турушу шаарга анда мында барганда базар тегерегинде үй-жайсыз ичип жүргөн бомждордон айрымасы жок эле. Жадагалса үстүндөгү кийимин да алмаштырып алганга жарабаган. Ортодогу тынчтыкты Света бузду:

- Ата, мени Абалкан сизге аябай жамандаган го ээ, кечирип койуңуз тагдырым ушундай экен… - ыйлап кирди, бул өзүн актагысы келгени эле.

- Ал мага сени жамандаган жок, карачы кейпиңди, көргөн киши өзү эле билип турбайбы. Сага эмне жетишпейт ыя, заңгыраган үй, балаң, күйөөң турат, корооңор толо мал, алдагы кейпиңди көрүп мен уялып атам.

- Эмне болуп калыптырмын, баарың эле мени жектейсиңер, менин чырактай, текилдеп жүргөн балам, Тимурум жоголду, бириң да издеп койгон жоксуңар, менин жүрөгүмдүн ооруганын сезбейсиңер, анан да тилдеп койосуз! - Света кайра атасына өктөм сүйлөдү.

- Шаардагы балдар жакшы эле издеди, анан табылбаса эмне кылат, эми мына бул балаңдын амандыгын тилеп зыңкыйып жүрбөйсүңбү.

- Ошону мен айтсам эле, сенин балаң болбосо, сага баары бир да деп менин деле кулагымды койбойт, эмне кылышты билбей калдым… - Абалкан сөзгө аралашты, - аман-эсен болсо келет да, же өгөйлүк кылып мен ага жаман айтпасам, - өзү… - деп келатканда Света сөзүн жулуп алды:

- Эмне өзү, менин эмне күнөөм бар, айтпайсыңбы? - атырыла күйөөсүн демиткенде Куржунбай ичинен: "баягы кыялын таштап тынч жашап калды деп жүрсө бул мите курттай күйөөсүн жеп жүргөн тура, аргасыз жашоо экен да булардыкы" деп ойлонду да эми оозун таптап сүйлөгөнү калганда Абалкан Светаны карап:

- Эй Света, мен Тимурга кудай алдында эч нерсе деп айткан да жок элем, жаш баланы эркелеткенден бөлөк, а сен Сарвиназды эмне кылганыңды билесиңби? - ал кайнатасын карады, - сиздерге же Светанын өзүнө бир ооз эчтеме дебедим, жашап калайын ушу менен деп кызымды агамдарга берип тындым, билсең үч күндө өлүп калмак экен ошондо! - деп ачуулана айтты.

- Эмне кылыптыр? - Куржунбай кызын бир, күйөө баласын бир карап отуруп калды.

- Төрөгүчө жакшы эле жүрдү, мен эрте кетип кеч келем, ошол тырмактай кызга тамак бербей суу менен жашап акыры алы кетип жыгылганы калганда капысынан күндүзү келип калсам пол жуубайсың деп сабап жатыптыр, дагы жакшы өзүм келип калып ооруканага алып барып жакшы болуп калды.

- Ошондо өлүп калса болмок, ошол кызыңды көрөйүн деген көзүм, угайын деген кулагым жок!

- Токтот! - Куржунбай кызына ызырына кетти, - сен энесиңби же эмнесиң ыя, ал эмне кылды эле, ал эмне дегениң, акылы жок кызым, тур жуунуп кийин, апаң чакырып атат үйгө барып кел! - кайра аны алдай сүйлөдү.

- Мен эч жакка барбайм! - Света ары карап отуруп алды. Ошол учурда Эмир сабактан келип калды.

- Апаңды качантан бери көрө элексиң, кыздар келип кетип турат, силер Абалкан экөөң деле анда-мында бир барып турсаңар боло, же биротоло биз өлгөндө барасыңарбы?

- Бүгүн бара албайм, өзүм кийин барам. - Үчөө тең үндөбөй отуруп калды. Эмир кийимин которунуп чыкты да апасын карап эки колун жая намыстана:

- Апа, мен мектепке да баргандан уялып калдым, күндө жолуңду карап, тамтаңдап келатсаң атам экөөбүз жөлөп таяп үйгө киргизип жаткырабыз, көрбөй калсак көрүнгөн жерге жыгылып туруп кийимиңди булгап келесиң, апа деп айткандан уялып атам сени! - деди кызуулана.

- Апа дебей эле гой, мени катарыңардан чийип салгыла, мен өзүм каалагандай жашайм, уулумду издейм, бүгүн бул үйдөн такыр кетем, менсиз жашап оңуп калгыла!

- Света, баланын шагын сындырбай аны кайра сооротуп көңүлүн улап, ичпейм деп койгондун ордуна ал эмне дегениң? - Абалкан жай сүйлөдү, - ата, бул ушинтип эле бизди кекетип мокотуп, айткан тилди укпай кыйнады.

- Света мени менен кетет, силер капа болбогула, экөөбүз шаарга барып Тимурду издейбиз.

- Жок ата, өзүм эле издейм, дүйнө жүзүн кыдырсам да издеп табам!

- Мени бала катары көрбөйт экенсиз да, качанкы бир үйдөн качып кеткен балаңды ойлоп мен жөнүндө ойлогуңуз келбейт! - Эмир апасын ызалуу карады.

- Сенин бир тууганың болот ал дагы, Сарвиназды эжем деп жан тартып атасың го?

- Эгер сиз жакшы эне болсоңуз бизди бөлбөй бириктирмексиз, ошо кичинекей балаңызды да Сарвиназ эжемден бөлүп "бул менин балам" деп бөлгөнүңүз үчүн өзүмчүл болуп таарынып качып кеткен да! - Эмир ызалуу апасына айтаарын айтып чыгып кетти.

- Оме-ей шүмшүк, деги буларды мен эмнеге төрөдүм экен, кой мен эшикке чыгып келип жуунуп тамак жасайын, - Света ордунан туруп сыртка карай басканда Куржунбай ага:

- Света бол эртерээк, тамагыңды күтө албайм, апаң бизди күтүп жатат! - деди эле ал укмаксан болуп чыгып кетти. Ал туалетке карай басып баратып: "мени эмне кылып алмак эле, башым ооруп өлүп калмак белем, силерге эле таптырбай кетип калбасамбы?" деп жылт койо жөнөдү. Ал дароо эле барып карызга иче койчу комокко барды:

- Ай Замира, куйчу жүз грамм, мени үйдөн чыгарбай камаган жатышат, жүз грамм куй дагы бир бөтөлкө арак бер!

- Эже сиздин карызыңыз көбөйүп кетти, бере албайм!

- Койчу алтыным, башым ооруп өлгөнү турам, издеп келип калышпасын, бир жакка жоголойун, карызыңды аласың, бербей кайда качмак элем, - ал жалдырап жиберди, - садага болойун десе билесиң го, баары бар, мен жинди болуп баратам, эптеп ушу балакеттен арылып албасам баарына жаман көрүнүп бүттүм, келе куйчу садагам!

Карызын алаарына көзү жетеби же тажадыбы, жүздү куйуп берди да майда курутту алдына койду.

- Ох алдыңа кетейин десе, ырас кылбадыңбы, - Света ичип ийип куруттан алып закуска кылды да алкап кирди, - өмүрүңө береке берсин, бактыңдан кемибей жүрө бер!

- Айтканыңыз келсин!

- Замира, эми болбойсуңбу бир бөтөлкө бер, мен кетип калайын.

- Ай ушу, ушинте бергениңер жаман да, качан бересиңер анан, - наалыган менен бир бөтөлкөнү берди эле койнуна каткан Света жылып жөнөдү…

Абалкан сыртка чыгып кечигип калган Светаны караса андан дайын жок. Эки жакты карап көрүнбөгөнүнөн кайра кирди:

- Света жок, бир жакка кеткен го?

- Койчу? - Куржунбай чоочуй күйөө баласына жалдырай бир карады да башын жерге салып отуруп калды.

- Кайда барып издейбиз эми, ал келбейт, издесек да таппайбыз, - Абалкан ойлуу кайнатасын карады.

- Балакет баскырдыкы, эшикке чыгарбай эле койбой…

Алар аны кайдан издээрин билбей отуруп калышты. Абалкан көптөн бери малын жайлоодон алып келгиче деп даярдап койгон этинен казанга салып от жага баштады. Өзүнүн тагдырына нааразы болуп ушу азыр эле атасына ачык айтып биротоло кошуп бергиси келип турду. Чынында ал абдан тажаган эле, бир жылга жакын убактан бери өз кийимин өзү жууп тамак-аш жасап аялдын түйшүгү менен эркектикин кошо тартып кыйналды.

- Бу качантан бери ушинтип жүрөт? - Куржунбай күйөө баласынын от жагып тамак жасаганы жатканына өзүнөн өзү уяла күнөөлүдөй сурады.

- Сегиз ай болду, адегенде тигил чакырды, бул чакырды, тойдон келдим, деп ичип келип жүрдү, андан кийин эртең менен туруп эле кетип калат, кайра барат, кайда жүрөт билбейбиз.

- Кудай урган экен да… Эми эмне кылабыз, келишин күтөбүзбү?

- Андан башка айла жок. - Экөө эки жерде өз ойлору менен алышып тура беришти. Кайната күйөө баласынын ички күйүтүн сезип эле турду, бирок эмне демек, үндөбөдү. "Күйөөсүн да жүдөтүп койуптур, рахмат ушуга, башка эркек болсо сабап азабын колуна берсе ичкенин көрөт элем, унчукпаганынан пайдаланып, дөөлөтүн көтөрө албай калган экен, кой муну ажыраштырып эле алып кетейин" деп ичинен ойлонуп атты. "Өзү көрдү, чыдаган ушунчалык болоор, биротоло алып кетем десе кошуп берейин, уулум экөөбүз жашай беребиз" - Абалкан ушинтип ойлоп картошка аарчып, пияз аарчып, деги тамакка керектүү жумуш менен алектенип атып ойлонуп отурду.

- Балам, убара болбой эле койсоң боло,

- Убара болбойм деле, өзүбүз деле ичебиз да, айда жылда бир келсеңиз жакшыраак отуруп сый кетсеңиз болмок…

- Ушундай болуп калса кантебиз, - Куржунбай кызынын кылыгына жини келип турса да сыртына чыгарбады. Ал күнү түш оогуча Светаны келип калаар деп күтүштү, бирок андан дайын болбоду. Эмир сабактан келгенден кийин көчөгө чыгып карап жүрдү. Чынында анын ушул убакка чейин кайда жүрөрүн изилдеп көрүшпөгөн экен, качан гана өзү келатканда тосуп алып үйгө киргизип жаткырып койушчу. Абалкан ичинен кайнатасынан уялып атты: "кайда жүргөнүн бир жолу изилдеп күйөө катары урушуп койсоң ушул абалга жетпейт эле, көңүл бурган эмес экенсиң" деп айтат го деп өзүнчө бушайман. Куржунбай өзүнчө: "ушундай момун күйөөнүн кадырына жете албай өзүн өзү жоготуп баратканын кара, көгала койдой сойуп сабап койсо үйдөн чыкканын көрөт элем.. Кой, болбой калыптыр, мени да тоготпой басып кеткен немеде кайсы намыс калды дейсиң, муну күч менен алып кетиш керек" деген ойго келди да:

- Абалкан, мен кетейин да апаңды жөнөтөйүн, машина менен алып кетпесек, силерде жашоо деле болбой калыптыр… - деп тамактангандан кийин ордунан турду.

- Барсаңыз барыңыз эми, мен го эч нерсе эмес, мына бул чоңойгон баланыкы кыйын экен, намыстанып бир апасына тили тийип калабы деп корком…

- Ананчы, баланы да ойлош керек эле да, мен кеттим, - ал сыртка карай басты.

Куржунбай эми сыртка чыга бергенде Эмир чачы башы саксайып өзүн билбей калган Светаны жетелеп алдынан чыкты. Кызынын ушул турушун көргөн ата уятынан жерге кирип кете жаздады:

- Ушундан көрө өлүп калбайсыңбы, жерге киргир, өлгөндөн эмнең артык! - ата күңгүрөнө аны көргүсү келбей дарбазадан чыгып баратып Абалканга карады, - кеч болуп калыптыр да, жаңыдан иче баштаганда неге айтпадыңар экен! - деди да басып кетти.

- Сс-ил-ер ми-не-ни би-иле-сиңерр, менин күй-күй-үтүм … - теңселип Эмирдин колунан бошонууга аракеттенди, - койо берр-чи ме-ени!

- Бас үйгө кирип жатыңыз, - Эмир аны жетелеп үйгө киргизе албай жатканда Абалкан аны жаактан ары чаап-чаап жиберди:

- Бети жок, жакшылыкты билбеген акмак, ичээрге ашы жок, кийээрге кийими жок болсо аргасы жок акылынан айныды дейт элек, кир азыр өлтүрүп койо электе! - Абалкандын жини келип колдору калчылдап баштан ары дагы эки, үч жолу чаап ийгенде Эмир аны алая карап апасын аяп кетти:

- Ата, урбай эле койуңузчу, ушуга теңелесизби, азыр мас, эртең эч жакка чыгарбай сүйлөшүңүз:

- Сүйлөшкөндөн айланбайбы, карачы сасыгын, качантан бери же жуунбай же кийим которунбай чирип кетиптир!

- Ои-еей, ой бу-ул эмне де-еп ат-ат ыя? - Света беш-алты жолку соккудан кийин соолуга түшкөндөй болду, - Ой сен ме-ени ур-дуң-бу, мени ур-дуң-бу-уу? - деп Эмирдин жетегинде үңүлдөп ыйлай үйгө кирип кетти. Куржунбай өзүн узатып чыккан күйөө баласына:

- Сен муну ойуна койуп кеткенде кетип кайра келип көнүп алган тура, эми бул адатын таштабайт, мен сага берген балам, эти меники, сөөгү сеники, эркекче эсине келтир болбосо өлтүр, муну үйгө алып барып алып айыл апага уят болоор алым жок! - деп аттанып кеткен. Ошого жини кайнаган Абалкан Светаны башка көзгө койгулап ачуусу тарабай эшикте басып жүрдү. Аны жаткырып койуп эшикке чыккан Эмир башын жерге салып үнсүз ыйлап отурду. Аны көргөн Абалкандын зээни кейип азыр аялын өлтүрүп койгусу келген менен ага баралмак эмес, он беш жылдан бери бүгүн гана кол тийгизип отурбайбы: "кайната чын айтат, эркектей болуп уруп, согуп койгондо буга бармак эмес экен, эмнеге ойуна койуп койдум, эртең муну унчукпай койо берейин да артынан ээрчип кайда бараарын билейин, кандай адамдар менен ичип жүрөт, кимдикине барат, сөзсүз билишим керек" деп ойлонду да, Эмирди соорото үйгө кирип кечки чайын ичүүгө камынышты.

*** *** ***

Өзгөчө базардын ызы чуусу күндөгүдөй эле баш аламан. Кардарлар менен кыздар соодалашып, кеткени кетип кетпегени улам келип токтогон машиналарды үймөлөктөшө басып калып жатышат. Чет жакта эки колун бөйрөгүнө таяп алып эки-үч "машиналар" сүйлөшүп турушат.

- Кечээги ишиңди басып алдыңбы?

- Жок ай, ал шүмшүктөр клиенттерди "кидайт" этип качып кетишиптир, издеп табабыз, тигилердин акчасынын акысына бүгүн бирөөнө үчтөн кыз бекер кетти, алар кайда бармак, такыр болбосо бир күнү талпагы ташка жайылат да.

- Эн-неңдурайын чочколор десе, буларга жакшылык жок, үстү башын оңдоп, курсагын тойгузуп атсаң да ыраазы болушпайт.

- Бүгүн кассам чыкпай кала турган, ошон үчүн өзүм да иштейин деп атам, тиги эр сөрөй болсо кызганымыш эткенинен ага айткан жокмун, - каткырып койду Клара, кара каштары, сулуу жүзү чынында эркекти тартып анча мынча кыздарга караганда татынакай эле, - май чайнап жата бербей мени коруп койгонун кантесиң ай, ошол казы-карта, чучуктар кайдан келип жатканын билип турса да билгиси келбейт.

- Ой ушу биздин эркектер эркекпи, эркек болсо биз таап бергенди жеп жатмак беле, менин эр сөрөйүмдү болсо сүйлөтө койбойм, - Элвира мактанып алды. - Билесиңби, мен өткөндө агамдын тойуна барганда акчаны сапырып чачып жатсам таң калып калышты, айылда бир сому жок деле кара жарма, кара ундун нанын жеп жашай беришет турбайбы?

- Айылда чындап эле ошондой, мен көбүнчө айылдын маңыроо кыздарын алдап алып келем, иттей кымбат сурап туруп алам, аргасыз алышат, мен дагы жөнөкөй кыздарды алып келбейм да, супсулуу кыздарды табам! - Клара да андан калышпай көтөрүлө сүйлөдү. Ошол учурда манты, оромо саткан Шакен менен Айна кыздардын жанына келип калды. Күзгү сууктун күчүнөн колготки кийип кыска йубкачан жүргөн кыздардын үшүгөнүнөн комокторго кирип жылына калып жаткан жерине Шакен баш бакты:

- Кыздар, ысык оромо алып келдим, муздай электе алып жегиле!

- Эже, карызга бересизби? - Бир кыз ага карады.

- Жок айланайын, мурунку карызыңар толо, бүгүн наличка сатам, кайра продукта алышым керек.

- Келе эже бир порц бериңизчи, эгер жакшы болсо кыздарыма алып берем, - Клара оолжуй сүйлөдү. Ары жакта Индира кошелогунан жалаң миң, беш жүз, эки жүз сомдуктарды санап отурганын көрө койгон Айна:

- Ай Индира, кечээги сары майдын, мурунку тоң майдын акчаларын бересиңби? - деди Шакендин артынан кирип.

- Жок, бүгүн бербейм! - Индира мурдун балта кеспей жооп берди, - Эртең аласыз, - карап дагы койбоду.

- Силердей болуп көп акча таппасак, бир аз пайда табалы деп сарымай менен тоң май алып келсек аны карызга алып алып бербейсиңер, менин келип кеткениме эле кетип атат, - Айна ага капа боло айтып калды,

- Ай Шакен эже, тигиниңиз эмне деп жатат, берсем алат, бербесем кайдан алат, ушу жаңыларды ээрчитип келбегиле десе силердики өттү, - Индира керсейе Шакенди карады.

- Өзүңөр айтпадыңар беле, анын үстүнө элестет, түнкү эки-үчтөрдө жалгыз жолдо жүргөнүмдү, шерик кылып албасам болбойт деп.

- Бул жакты көбү билбейт, мейли эми, корочи мындан кийин дагы башканы ээрчитип келбеңиз.

- Келбейт эч ким, карызымды чогуу берсеңер мен да келбейм! - Шакен күлө сүйлөдү.

- Эй эже, ушу сизди жасап түзөп бир клиенттерге сатпайлыбы.

- Ошол эле калды эле талаада калгыр, менден качып кетишсечи?

- Сизге ылайыктары келет да.

- Кой айланайын, манты менен оромомду эле жакшылап сатып алсам жетет мага, болбойсуңарбы эми, ысыгында алчуңар алгыла, болбосо тигил өйүзгө кетип калам.

Кыжы-кужу болуп жатып төрт-беш порц оромосун саткан Шакен алардын жанына акчасын күтүп отуруп калды. Ошол учурда Бактыгүл деген кыз жүгүрүп комокко кирип келди:

- Менин акем издеп келиптир, жапкыла эшикти! - Элмира ордунан тура калып эшикти иле койду.

- Бол прилавканын алдына кире кал, - комоктун соода кылып жаткан тешигине өбөктөй калып бирөөнү чакырды, - ай Кундузка, бери кел, - Элмира жүгүрүп келген кызга шыбырай сүйлөдү, - тиги машинаны комоктун артына айдатып кел, Бактыгүлдү үйгө жөнөтүп ийели.

- Макул, - Кундуз ары басып кетти, бир маалда эшик такылдады:

- Эй ач эшикти, Бактыгүл, Бактыгүл дейм, чык бери!

- Эй ким бул, биякта Бактыгүл деген кыз жок, - Элмира кыйкыра берди.

- Эмеле кирип кетпедиби, ач деп атам эй, эшикти сындыра тээп салам азыр! - Сырттагы неме ачуулу сөгүнүп атты.

- Сындырып эле көрчү, сразу милицияга салып берем.

Сырттагы үн комоктун тешигине келди:

- Чыгарасыңарбы жокпу?

- Жок болсо кимди чыгарып беребиз? - Индира ага ороңдой карады. Тигил ары басып кетти. Прилавканын алдына кирип үч бүктөлүп отурган Бактыгүл бери жылып отурду:

- Өлтүрөт, жана күндүзү досу мени көрүп койуп айтып барыптыр.

Аңгыча комоктун артына машина токтоору менен эшикти ачышты эле Бактыгүл аң-дөңгө карабай чуркап жетип отураары менен жүрүп кетти. Шакен менен Айна делдейе бир бирин карап койушту да сыртка чыга жөнөштү.

Алар мосттун ары жагындагы кыздарга баратканда кыздар карышкырдан үрккөн койдой чар тарапка дагы качып калышты. Аркы жолдун жээгиндеги машинага барганда Айчүрөк деген кыз аларды машинага отургула дегендей кол булгап чакырып алды. Шофёр алтымыштан ашкан улгайган адам экен. Шакендин оромосунан ар бири бирден алып жеп отурганда улгайган Бакир аба жанындагы жоон санын таппаган йубканы өйдө көтөрүп небересиндей кызды кармалап каткырып:

- Бир "палка" карыз болдуң ээ? - деп калды.

- Азыр эле барып келе койбойлубу? - кыз тартынбай жооп бергенде Бакир аба ого бетер маашырлана анын жоон сандарын сыйпалап кыткылыктады:

- Кой, бүгүн көп иштеп чарчадың, дагы бир күнү.

- Арманда каласыз, эртең да, анын эртеси да мени клиенттер алып кетип калсачы, бүгүнкүдөй мүмкүнчүлүк болбойт мындан ары.

- Макул, акыры аман болсок жолугушаарбыз…

Алардын мындай ачык эле сүйлөшүп жатканын көргөн Шакен, айрыкча Айна таң калып эле отуруп калды: "Кудая тоб-боо, сойку десе эле таптакыр уят-сыйытты унутуп калышканы эмнеси, экөөнүн ортосу ата-бала эмес чоң ата менен небередей эле көрүнөт экен" деп ойлонуп да алды. Ошентип алар манты, оромо сатып бир тобуна аргасыз карызга берип койуп жолго чыгышты. Жолдо бирин серин эле жеңил машиналардын өткөнү болбосо маршрутка дегениң эбак эле токтоп калган. Зуулдап өтүп жаткан машиналарга колун көтөрүп жатканда бир жаңы маркадагы машина кыйч этип токтоп калды.

- Кайда барасыздар? - машинанын айнегине келген аялдарга айдоочу башын бура сурады.

- Бул эле Фучикага,

- Аа-аа кечиресиздер, мен аякка барбайм.

- Кой балакетиңди алып, өпкөмдү чабайын десе, биздей апаң, эжең, карындашың бардыр, соода кылбай эле карызга берип баса бердик, болбосо…

- Ушул суукта карызга бербей эле койбойсуздарбы, өзүңөр деле орто жашап калыпсыздар, денсоолугуңарга кыйын болуп калат го?

- Анан эмне кылабыз, акчабыз жок иштей элекпиз деп көздөрүн жалжылдатып "мамаларынын" көзүн карап турушса бооруң ооруйт экен да, - Шакен шыпылдай жооп берди.

- Сойку деген жаман атка калган кыздарда не күнөө, аларды товар катары сатып жаткан аял кейиптүү аялдарда эмеспи күнөө, - Айна сөзгө аралашты.

- Куруп кетсин ошолор, - колун шилтеп койду таксинин ээси, - ошондон көрө иштеп, адал эмгектенгенге көнсө болмок, аргасыз эмес, акылсыздык! - жини келе алдын карап баратып айтты. Аңгыча Совет көчөсүнө жетип келишти, - Эжелер эми капа болбогула, мен өз жолум менен кетейин, - машинаны токтотуп экөөнү караганда алар ордуларынан козголуп түшүп баратып жарыша ыраазылыктарын билдирип атышты:

- Рахмат иним, кем болбо!

- Кудай жалгасын, жолуң болсун!

- Жакшы барыңыздар, кечке калбай жүрүңүздөр! - айдоочу жылмая жүрүп кетти.

- Ай сен келбей эле койчу, тааныгандар бар экен, керек болсо урдуруп, эсинен кеткис кылып койобуз дейт, - Шакен унаа күтүп турганда Айнаны карады.

- Тааныса таанысын, мен деле жашашым керек да, же алардан коркуп эгинимди экпей койойунбу?

- Деги да, элестет жанагинтип айтканынан коркпогонду, мен ичимден чындап эле корктум.

- Эч нерсе кыла алышпайт, закон деген бар, анан сен жанымдасың, ушуну айтканда угуп турган сен күбө болосуң.

- Ий жинди, булар аябай жаман, чындап эле акчасы бардын заманы болуп калбадыбы, чындыкты чыркырай айтып турсаң да алар култуйта арам акчаларын койун колтугуна тыгып бир жолу ресторанга киргизип койсо бүттү! - Шакен чындап эле корккондой түр менен аны карады, - Булардын колунан баары келет, анткени адам сыяктуу эле айбандар, көрүп турбайсыңбы?

- Бир көргөндө эле түшүндүм, кандай экенин, укук коргоочулар ушул эле жерде дейсиңби, алар да акча чыккан жерге аарыдай жабышып, абийир, уят-сыйыт дегенди унутуп калышат.

Ар кайсыны кобурашып турганда ары жактан бир маршрутка көрүндү эле сүйлөшүп жаткан сөздөрүн унутуп жарыша кол көтөрүп калышты. Ал токтобой өтүп кеткенде экөөнүн үмүтү үзүлө жол бойлоп жөө басып жөнөштү. Улам кол көтөрүп жеңил машиналарды тосуп койушат. Бир топ басып калышканда алардын жанына жеңил машина токтоп калды. Алар анын айнегине эңкейе калып жарыша:

- Ала кетчи айланайын, тигил эле Фучик көчөсүнө барабыз.

- Балдарыңдын убайын көр садага, кеч калып кете албай жатабыз, мусулманчылык кыл!

- Отургула, мынча кеч эмне кылып жүрөсүңөр, жылуу жумшак үйдө уктап жатпай? - улгайып калган машинанын ээси аларды отургузуп алып жооп күтпөй эле зымырай жөнөдү.

- Оокатчылык да байке, манты, оромо сатабыз деп … - Шакен шыпылдай кетти.

- Эмне түнгө калбай эртерээк чыксаңар болбойт беле?

- Түнкүсүн соода кылабыз… - Шакен Айнаны карады эле ал унчукпа дегендей нукуп койду.

- Түндөсү кайда, кимдерге сатасыңар? - айдоочу кызыга сурады.

- Ушу жакта бир базар бар…

- Аа-аа, жанагы көпөлөктөрдү ачка болуп калбасын деп суукта жүргөн турбайсыңарбы! - жылмайып койду.

- Айла жок…

- Да-аа даа, - ал ойлуу рулун карап, жолдон көзүн албай божурады, - кыргыз кызы жолго чыгып өзүн соодалап, ошол эле кыргыз өзүнүн карындашына, кызына, жээн, небересине барып жатканы кандай өкүнүчтүү, - ал артында экөөнү күзгүдөн карап койду… - соода жасап жүрүп экөөң да тымызын "иштеп" жүргөн болбогула?

- Койуңузчу, ак ундан даам жасап көтөрүп жүрүп, анын үстүнө мончоктой болуп биринен бири өткөн жапжаш кыздар жүрсө бизди ким карамак эле? - Шакен дагы адатынча шыпылдады, - Элестетиңиз, экөөбүздү клиент ээрчитип баратканын.

- Жашыңардын өтүп кеткенине арманда болсоңор керек ээ? - тамашалай күлдү, - азап тартып оромо жасап отурбай бекер акча тапмак экенбиз деп.

- Ой байке тамашакөй окшойсуз?

- Урушкандай унчугушпай барганча айранга талкан көөлөп жеп баралы.

- Хи - хи - хи!

- Ха - ха - ха! - экөө тең күлүп калышты. Тамашалуу сөзгө көңүлдөрү көтөрүлө жылуу салондун ичинде жылый түшкөн алар чоочун айдоочуга ыраазы болуп келип калгандарын өтө берип байкап чоочуп кетишти.

- Оо-ой байке, ырахмат сизге, биз келип калдык көп жашаңыз!

- Кем болбоңуз, кудай тилегиңизди берсин!

- Макул, жакшы жетип алгыла! - эшигин жаап алып зымырай жөнөп кеткен машинаны артынан карап туруп үйлөрүн көздөй кадам ташташты.

- Улгайса да абдан шайыр, ачык-айрым киши экен ээ? - Шакен эмелеги өздөрүнө тамашалай сөз ыргыткан бейтааныш адамды көз алдына элестете күлүп койду.

- Эмне болсо ошо болсун, кыскасы эптеп келип алдык, олжобуз ошол.

- Жанагы павильондогу сутенершаны көрдүңбү? - Шакен Айнаны карай суроо узатты.

- Кайсы?

- Жанагычы, койкоңдоп өзүм иштеп кетсемби деп атпайбы?

- Ийи?

- Ошол Шура деген келин жыйырма төрттө экен, жанында отурган анын күйөөсү.

- Кайсы? - Айна таңдана сурады, - тиги сатуучунун туурасында мылжыйып отурган балабы?

- Ооба, ошол күйөөсү.

- Эмне, ал аялынын "иштегенине" каршы болбойбу?

- Каршы болмок турсун өзү жиберет экен.

- Ой анда алар эрди-катын эмес эле сожителдер го?

- Жо-ок күйөөсү эле экен!

- Сен алардын нике кагазын көргөн жок белең?

- Жо-ок ай! - Шакен чоочуй карады, - Ал эмне дегениң?

- Ошо, сен нике кагазын көрбөгөн соң билем деп айтпа. Эгер алар эрди-катын болсо бир бирин кызгануу деген болот эле, ыплас болуп көрүнгөн менен жатып кайра келсе койунуна кучактап алып жаткан эркек жеткен акмак же аны сүйбөйт!

- Дегеле кыйын болуп кетесиң да, үч жылдан бери мен билгенден дайым бирге, анысы иштеп кетип баратып ага акчасын берип кетет - курбусун таарынгыдай карады, - тергөөчүдөй сурайсың да?

- Кызык экен, кой жеттик, эми бир кызыл кайнатып ысык чай ичели да жатып эс алалы.

- Ооба, чарчадым мен дагы, - Экөө кобурашып көргөндөрүн кеп кылып отуруп анан өз бөлмөлөрүнө кетишти. Жашоо дегениң ушул тура, бири байлыгын кайда жумшаарын билбей жүрсө, бирөө сындырым нанды күнүнө бир жолу жесе жеп жебесе ошол байлыгына манчыркаган байлардын таштандыга ыргыткан тамак-ашын аңдып күнүн көрсө… Тирүүлүктүн кымбат экенин колунда жок билсе, колунда бары тирүүлүктүн ар бир кымбат мүнөттөрүн сезбей өтүп кете берген көр пенденин тирилиги байкалбай өтүп кете берет турбайбы. Бечаралардын бир жылдап тапканын байлар бир жумада чачып коймогу жалган эмес го чиркин.

Эртеси күнүмдүк оокаттын машакатын экөө эки башка түйшүктөнүү менен кайрадан көнүмүш кызматына жөнөштү. Алар Элебаев көчөсүнөн бурула бергенде эле ачуу чаңырган үн көчөнү жаңыртып калды.

- Ой шумдук, дагы эмне болуп кетти, бирөө сабап жаткан жокпу? - Айна Шакенди карады.

- Таң калбай эле кой, бул чекеси, дагы бири кызылдай мас болуп алган го?!

- Кудай у-ур, жапайы жаныбарлардын чөйрөсүнө келгендей өзүмдү жаман сезип атам ай.

- Көнүп кетесиң, - Шакен кайдыгер үн катты.

- Ушул жактагы кыздарды көргөндөн бери базардан, жолдон кыздарды көрсөм эле баары эле сойку, ыплас кыздардай көрүнүп жипкирип туруп алдым.

- Кой антип ойлобо, беш кол бирдей эмес, - Алар павильонго жете бергенде эле эки кыз бир бирин чачтан алып, эркектердей тепкилешип жатканын көрүп токтой калышты.

- Сволоч, пидарас жалап, с … ин десе! - астындагы чачтары саксайган кыз оозуна келгенин оттоп атты.

- Жап оозуңду канчык, өлтүрүп салам азыр, - үстүндөгү узун бойлуу кыз аны басып алып жаакка, башка-көзгө ургулап жатты. Экөөнүн оозунан кара ит кирип ак ит чыгып жатты.

- Болду, экөөң тең тыйылгыла! - Шура аларды эки жакка бөлүп бирин павильонго киргизип оозунун канап кеткен жерлерин аарчытып, өзүнө келтирип:

- Эмне мынча ичип алдың энеңдурайын десе, өлүп баратасыңбы, эгер ичкениңди койбосоң көчөдө каласың, ордуңа башка кызды алып алам!

- Ма-ама, мамочка, кечирип койчу, мен кичине эле… - ал өзүн өзү зордоп жылмая колунан сөөмөйүн бармагы менен жартысынан бөлө көрсөтүп, - мын-ча эле ичкем.

- Болду токтот, өзүңдү даярда, бол жасанып тур, хороший клиентке жага турган болуп тур!

- Сөзсүз да, клиентке жакпагыдай мен эмне Гулядай пидарас белем?

- Эй канчык, жап оозуңду, крышаң кудай болсо да тарпыңды талаада калтырып койом! - Гуля павильондун эшигинен баш бага кыйкырып кирип дегенде аны тосуп калышты.

- Талашканыңар эмне деги, клиенттерди канча талашсаңар дагы баары бир, силерге окшогон талпактарды карабайт, аларда акча бар, каалаганын жетелеп кете берет! - Шура аларды тынчтандырууга аракеттенди, - көтүңөрдү кысып элдешкиле! - Аңгыча эшиктин алдына кара түстөгү "БМВ" машинасы токтоп калды. Ага Шуранын кыздары жабылып калды эле андан орто жаштагы токтоо адам түшүп кыздарды бир сыйра кыдырата карап туруп павильонду көздөй басты. Шура аны жайдары тосуп алып ачык эле сүйлөшүп кирди:

- Келиңиз, менин кыздарымдын жакканы сиздин кызматыңызда!

- Жок, мага сиз өзүңүз керексиз!

- А-аа, - Шура бир аз буйдала калды да каткырып ийди, - ха-ха-ха, чын элеби? - ал ишенбегендей бейтааныш адамды көз токтотуп карап, - эң жашы он төрттө, улуусу он тогузда, карап көрүңүз, кайдыгер калбайсыз?! - Шура шыпылдай, жойпулана кетти. Тигил кардар анын кулагына шыбырай жылмайып койду:

- Күйөөңүз жокпу?

- Эмнеге, күйөөм бар, ошону үчүн сизге кыздарымдан тандаңыз деп жатпайынбы!

- Болсо болсун, - кардар аны ары карай жетеледи, - мен сизге гана макулмун, он бештегидей эле көрүнүп турасыз.

- Баасын жакшы төлөсөңүз, кадыр-көңүлдү жараштырып койобуз, - Шура кылыктана сүйлөп жатты, - жаштардан көңүлүңүз калган го?

- Болуңуз, азилдешип отурганда убакыт өтүп кетти, - кардар машинасын көздөй басты. Шура да анын артынан барып арткы орундукка отурары менен жүрүп кетти. Шакен менен Айна анын күйөөсүн бир карап койуп өз иштери менен алектенип:

- Кыздар ысык оромо, манты жегиле, муздап кете электе жегиле, майлуу, даамдуу, арманда каласыңар! - Шакен жаагы тынбай шакылдап жатты. Кыздар улам бирден басып келип ала баштады, ары жакта үч кыз аста басып келип:

- Эже карызга бересизби? - деп иймене туруп калды.

Аны көрүп туруп жаңы келген кыздардан экенин байкаган Айна боор ооруй

- Бергенде силер качан бересиңер? - алардын тартынып турганынан улам сурап койгон менен кайра сурады, - канча порц аласыңар?

- Үчөөбүз эже, Шура эже келсе берет, жаңы эле келгенбиз, курсагыбыз ачты.

- Макул, Шурадан сурабайбыз, эртең өзүңөр бергиле, - пакетке салып бере салды.

- Рахмат эже, сөзсүз беребиз, - кудуңдап үч пакетке салынган оромолорду көтөрүп ары басты.

Шакен менен Айна андан ары сапарын улап "оромо, манты жегиле кыздар, арманда каласыңар!" - деп үн сала кетип баратышты…

*** *** ***

Мустафа уулунун адам канына забын болуп, өз тагдырына өзү балта чаап алганын, алдыда кандай шумдуктуу окуялар болуп кетээринен жүрөк заада болуп анын алып келген акчасын пайдаланбай аны жанына чакырып алып жай сөзгө өттү:

- Уулум, мына жашың жыйырма бештен ашты, сени менен теңдер бир, экиден балалуу болуп калды, үйдөн кетип жарыган жоксуң, башыңа балээни үйүп келдиң, - ойлуу сакалын сылай Жанболотту карады, - Сен кайра шаарга барып ошол кыздын ата-энесин тап да билмексен болуп сурап кел!

- Эмне деп? - Жанболот атасын таң кала карады, - ал мени көрсө милицияга берет да?

- Ал сени милицияга бермек турсун жаны жаннатка болгур колуңдан каза тапты, анын арбагына багыштап куран окутушуң керек!

- Койуңузчу, ал өлгөн эмес!

- Көп сөздү кой, барбасаң анда анын атасынын атын билесиңби?

- Субаналиева Алтынай! - Жанболот айласы кете күңгүрөндү, - ал эмнеге өлмөк эле, мен анын колу бутун, кыйкырбасын деп оозун эле таңып салгам, урган эмесмин…

- Мени менен талашпай эртең дал ошол өзүнүн акчасына бир чоң кой алалы да куран окуталы, андан кийин сага улак кудайы өткөрөлү.

- Ата… - деп келаткан уулун Мустафа колун көтөрө токтотту. "Анын арбагы сени ээрчий келгенин көрдүм деп айтып коркутуп аламбы" деп далбастап, ичинен санаага батып жатты. Муну кемпирине да айтпады. Жанболот үндөбөй ордунан туруп сыртка чыгып кетти, "эмнеге, кантип өлүп калмак эле, мен аны урбасам, сабабасам, же катуу чаппасам, же эч ким көрбөй байланып жаткан бойдон өлүп калды бекен?" деп ар кайсыны бир ойлоп кыжалат болуп жүрө берди. Атасына ишенбейин десе башынан айтканы келет. Ошондой окуя эсине түштү ушу саам, бир жолу эртең менен эрте туруп эле апасын ойготкон Мустафа:

- Тур, кудай урду, күйөө бала бирдеме болгон го, кабар келет, камынып тур, - деп калды.

- Кайдагыны айтпай жөнчү, капырай күйөө балаң оору сыркоосу жок эле жүрбөйбү, жаш да эмеспи, мындай сөзүңдү бирөө укпасын, - апасы чалын жактыра бербей ары карап жатып алган менен: "балекет бул өзүнүн да эмне болоорун билип койчу эле, жөндөн жөн минтпейт, кудай сактай гөр" деп ойлонуп жатканда:

- Ээ кемпир, кырсык каш кабактын ортосунда деген, сен кайдан билесиң, жыйынып отурсаңчы, - деди Мустафа сыртка чыгып баратып.

- Деги сенин билгичтигиң жаман эле, кудай сактай гөр, эмне болуп кетти экен, - дегиче эшиктен иттин үргөнү угулуп, кишинин дабышы чыгып калды. Чал, кемпир ээрчише чыга калышса Мустафанын жалгыз карындашы Чачыкейдин күйөөсү Ормондун өлгөнүн кабарлап келген чабарман экен. Аны апасы Батийна көпкө чейин айтып калчу. Ушуну эстегенде Жанболоттун бүткөн бойунан кара тер кетип, көз алдына Алтынайдын элеси келип коркуу сезими пайда болду: "Атам калп айтпайт эле, демек өлүп калган тура, катуу таңып койгомун го?" өзүнө өзү суроо берип бир азга жүрөксүгөн менен кайра өзүн өзү соорото жооткотуп: "эмне экен, өлсө жакшы болуптур, мени эч ким издебейт, куугунчу жок коркпой эркин жашай берем" деп көңүлү ордуна келе үйдү көздөй басканда бүткөн бойу дүр дей түшүп кулак тушунан шуулдаган бир нерсе "зуу" эте өтүп кеткендей болду. Шамалбы дейин десе үлп эткен жел жок: "чиркейби же аарыбы, жөндөн жөн эле эмнеден коркуп кеттим" деп ойлоп үйгө кирсе апасы аны көрүп чоочуп кетти:

- Ыя ботом эмне болду, өңүң купкуу болуп кеткен?

- Эч нерсе… - Жанболот кыска жооп берип төргө өтүп телевизор койуп алаксыганга аракеттенди.

- Ай бала, ооруп турат окшойсуң, этиң ысытмалаган жокпу?

- Жок, жакшынакай элемин, эмне болуп эле жатасыз? - ал апасын таң кала карады.

- Капырай мынчалык өңүң купкуу эмес эле, бир нерседен чоочудуңбу?

- Эмнеден чоочумак элем, - Жанболот кайдыгер жооп берген менен: "эмне ушунчалык эле өңүм бузулуп кеттиби?" деп ойлоп ордунан турду да төркү үйдөгү чоң күзгүгө көрүнгөнү кирди. Жакын келип күзгүгө көрүнүп өз жүзүн карап атканда артынан бир караан өтүп кеткендей болду: "Апам артыман кирип келаткан го", деп артын карай салса каалга жабык турган экен, жүрөгү "болк" деп алды да дароо төркү бөлмөдөн чыга жөнөдү. Мустафа жаңы эле келип төргө отуруп чайга карап калган эле, анын өңү бозоруп кеткенин көрүп:

- Кел чай ич, муздак суудан ууртап, келме келтир! - деди жай гана.

- Бу баланын өңү түктөйүп ооруп турабы атасы, карасаң? - Батийна кабатырлана күйөөсүн карады:

- Эч нерсе эмес, өзүнө өзү балээни тилеп алган тура, - деп койду токтоо. Анткени ал баарын күн мурунтан сезип, билип эле турган: "Куран түшүртүп, бир малды кудайы өткөрүп сөөгүн мүрзөгө көмдүрсөм ошондо да бир жыл зорго кармайм, чунак бала ай, эмнеге акчага азгырылды десең" деп ичинен азап чегип турган эле. Анын көзүнө Жанболоттун жанынан чыкпай, бирде артына, бирде ийнине ыктап алган кыздын арбагы аны соо койбосу көрүнүп жүрөгү зыркыраган менен айла кыла албасын айдан ачык түшүнүп турган.

Эртеси Мустафа атайын базарга Жанболотту ээрчитип барып бир чоң ирик алды да, куран түшүрттү. Эки-үч күн өткөндөн кийин улак алып келип кудайы өткөрүп сөөгүнүн бирин калтырбай элге таратты. Ошондон кийин бир топко дейре Жанболотту жандаган кыздын арбагы көрүнбөй калды. Кыраакы ата уулун баары бир алып кала албасын билди да, шашылыш үйлөндүрүп андан туяк алып калгысы келди. "Алланын буйругуна мунусуна да шүгүр, кокус эч нерсе билбеген көптүн бири болсом уулумдун туягы да калмак эмес, кой эртелетейин" деп бир күнү кемпирине кеңешти:

- Ээ Батийна, Жанболотту үйлөнтпөсөк болбойт, муну менен тең балдар экиден балалуу болуп калды, бой жүрбөй үйбүлө күтүп түтүн булатсын.

- Макул абышка, бу уулуңа кайдан алып беребиз, кана өзүң айтчы, жакшы келин болчу кыздардан билгениңди? - Батийна Мустафаны карады.

- Тиги Чырбаштын кызы түзүк кыз го дейм, эки жакка чыкпайт, бир мүнөздүү, өңдүү түстүү.

- Алар берээр бекен кызын?

- Ой кемпир, бирөөнүн көзүнчө өз беделибизди түшүрүп минтип айтчу болбо, эмне атасын оозун урайын, Чырбаш кызын менин уулума бербегенде кимге бермек эле?

- Койдум, койдум атасы, ушу Жанболотум үй-жай күтүп өзүнчө түтүн булатып калса кана, колум узарып калбайт беле, анда сен барып кыйытып кеп чыгарып көр, эмне дээр экен?

- Сен кам-кашегиңди көрө бер, мал сатып кийит даярда, тойду бир жакшы өткөрөлү, эң кенжем эмеспи, жаштарга той өткөрүп келинди алып келели.

- Өзүң бил абышка, балдардын баары түзүк эле болуп калышты, аларга айттырайын, кыздарды чакырайын.

- Ошент, эмки жумада уулду үйлөнтүп койолу, беш жандыкты аяп отуруп эмне кылмак элек, азыркы шарт менен адегенде сөйкө салалы.

- Ой, оой абышка, Жанболотуңду ушунча жакшы көрөт экенсиң да ээ? - Батийна күйөөсүн тамашалай сүйлөгөн менен: "капырай, мынчалык эмне минтип жатат, үйлөнүү той деген оңой эмес, анан сөйкө салуу каадасы андан бетер, деги ошого биздин кудуретибиз жетээр бекен, баса балдар-кыздар бар эмеспи, ага-тууган бар, кудайга шүгүр дейинчи", деп ойлонуп кетти.

Уул-кыздары чогулуп ары кетип, бери кетип: "үйлөнүү үлпөтүн өткөрбөй эле айыл апага тойчук өткөрүп койолу" дешти бирок баары бир атасынын айтканынан чыга алышпады. Сөйкө салып, кайра загска алпарып үлпөт той өткөрүүгө макулдашышты.

Чырбаш ошол айылдын колунда бар, кадыр-барктуу адамдарынын бири. Ал Мустафанын айтканына макул болуп бирок "Кыз менен бала сүйлөшүшсүн, кызым макул болсо, мен макулмун" деген ойун билдирди.

- Эки жаш макулдашып бир бирин жактырса мен кайда бармак элем, - Чырбаш карс, карс күлдү.

- Оп баракелде, жакшы кишинин айтаар кеби ушул, "Ырысы барга жуучу келет, ырысы жокко доочу келет" деген сөз бар Чыке, эстүү баштуу жансың да, бирөөнүн баласын чыркыратып эле бөктөрө качкан болбойт, айтканыңды аткарам! - Мустафа менен Чырбаш кол алышып коштошушту. Мустафа кеткенден кийин ойлуу отуруп: "Кадыры бар кишинин сөзүн кайтарган болбойт, байлыгы болбогон менен элге кадыры бар акылгөй адам, кызым баласын жактырса барсын" деген ойдо үйүнө кирди. Ал үйүнө киргенде Насыйкат апасына жардам берип шырдак жөрмөп отурган, бир азга кызын карап туруп анан төрдөгү ордуна өттү: "кызым чын эле чоңойуп калган тура, баягы мойунга минип эркелечү балалыгы калып турмуш жолуна, үй түйшүгүнө аралаша баштаган экен" деп ойлуу дале кызына көз кырын салып отурду.

Батийна кам кашегин бүтүп, шаардагы кызынан алтын сырга алдырып чогултуп кеңешкенден кийин Жанболотту кыз менен сүйлөштүргөнү жөнөттү. Ошол убакта Насыйкат эшикте жүргөн эле. Насыйкат жигитти кайдыгер калтырбады. Жеңесинин жардамы менен эки-үч жолу сүйлөштү да, каада салт менен бир күндү белгилеп сөйкө салып, эртеси эле алып кетишти. Мустафа дале ойлуу, уулунун негедир бара-бара арыктап, жаңы алган келинчегине анча көңүл бөлбөй өзүнчө боло баштаганынан өйдө байкап ичинен көзү көрүп туруп эч арга кыла албасына көзү жетти. Анткени бир-эки айга көрүнбөй калган кыздын арбагы кайрадан пайда болду, Жанболот эч нерсени көрбөйт, болгону ага жүрөк шуулдаткан дабыш угула калып көбүнчө артынан бирөө ээрчип келаткандай сезилип эле коркуп жүрө берди. Насыйкат илбериңки, таза келин, аны Жанболоттун суздугу кээде кыжырдантып, кумарлуу, али ойунга тойо элек келин аны менен ойногусу келет. Эч ким жокто ал бир күнү таарына кетти:

- Жанболот, эмнеге көңүлүң ачылбайт, же мага үйлөнүп алып өкүнүп жатасыңбы?

- Наки, - Насыйкатты ата-энеси эркелеткен атынан айтып аны жубатып, - Эмнеге өкүнмөк элем, атайын арзып алсам, бир аз ооруп жүрөм, көңүл буруп, капа болбой жүрө турсаң анан өзүмө келем, - деп Насыйкатты кучактап өөп койуп селт эте түштү.

- Эмне болду? - Насыйкат байоо сурап койду.

- Жөн эле, эшиктен дабыш чыккандай болду, апамдар келаткан жокпу? - мойнун созо сыртка кулак төшөдү.

- Эчтеме жок, дабыш чыкса мен деле угат элем го, мени алаксытып эле ошентип турасың ээ? - Насыйкат ага эркелей бойун таштап кучактап калды.

- Экөөбүз ушинтип отурганда атамдар келип калса уят го? - Жанболот келинчегин алаксыта дагы эшикти карады:

- Чыксаң Наки, сыртта бирөө жүргөндөй болуп атат, - Жанболот айланасына караан көргөнсүгөнүн айтпай алаксытып эшикке жөнөттү, сыртка чыккан Насыйкат кайра кирди.

- Эч ким жок, дарбазанын эшиги бек!

- Аа-аа, мейли анда отура бер! - түпөйүл болгон Жанболот үнсүз отуруп калды. Насыйкат менен сүйлөшүп отурган менен баары бир эле эки жагын элеңдеп жанында бирөө тургандай болуп карана берди. Анын бул турушун байкаган Насыйкат таң калып: "бул эмнеси, оорукчан болсо керек, мындайын билгенде… ушинтип эле өзүнчө боло берсе муну менен кантип жашайм, келгенде бир аз жакшы эле…. " деп ойлонуп көз кыйыгы менен аны караса өңү өзгөрүлө түшкөн экен.

- Сага эмне болду, ооруп турасыңбы? - келинчегинин үрпөйө караганына уяла түшкөн Жанболот аны имере кучактап эч нерсе болбогондой жаркылдай түштү:

- Эчтеке болгон жок жаным; койчу жөндөн жөн эле үрпөйө бербей, мен жакшына эле турам.

- Билбейм башкача эле болуп баратасың, же өзүңдүн мүнөзүң ушул экенин билбейм же мурдагы сүйгөнүңдү эстеп кыйналып жүрөсүңбү?!

- Кайдагы сүйгөн, мен эч кимди сүйгөн эмесмин, ал эми азыркы сүйгөнүм да, бактым да, тоту кушум да бир өзүңсүң! - ал ушинтип келинчегин жайгара жаркылдап бетинен өөп, кытыгылап отурганда дарбаза тарсылдап калды. Насыйкат ордунан тура калып түшүп кеткен жоолугун алып оңдоп салынды да шашып сыртка чыгып кетти. Жанболот ал чыгып кеткенден кийин ойлуу: "мен бекер кылган экемин, Алтынайдын жалдыраганына карабай анын акчасын алып кеттим, бул жаш, көңүлүнө карап ойноп күлүүгө туура келет, бирок муну Алтынайдай көрө албайт окшойм, үйлөнбөй эле койсом болмок экен, убалына калып" деп улутунуп алды. Негедир ал кийинки күнү өз тагдырынан, жашоосунан коркуп ал турсун жашоодон үмүтүн үзө баштаган. Атасы ичинен тынып үндөбөгөн менен эне эмеспи Батийна чебелектеп:

- Балам ай, бир жериң ооруп жүрөт окшойт, доктурга көрүнсөң боло же молдо-солдого алып барайын.

- Жок апа, эч жерим оорубаса эле көрүнө бермек белем, кабатыр болбой эле койуңуз, - деп болбой койду. Мустафа аялынын уулуна чебелектеп атканын көрүп: "байкушум ай, кокус… кокус болуп кетсе кантээр экенсиң, энеге ар бир баласынын орду өз-өзүнчө тура", деп ойлоп Жанболотту карады. Көптөн бери көрүнбөй калган арбак дагы жандап алган экен, бирок жакындай албай тигиндейрээкте эки көзү Жанболоттон өтүп турат. Мустафа шуу үшкүрүнө келме келтирип алып намаз окуганы төркү бөлмөгө өттү. Ал ушул бүгүнкүгө чейин намаз окуганда уулунун жанын кудайдан тилеп, кетирген күнөөсүн кечире көр деп узакка отурат, бүгүн дагы узакка окуду, дубаларды, сүрөөлөрдү окуп бата кылып ордунан турду. Чыгып келатып эле уулун карады, телевизор карап ойлуу отурган экен. Жүрөгү зырп этип алды: "аракет кылсам аман калаар бекен, кой жөн турбайын" деди да өзү эртеси шаарга жөнөмөк болду. Кетээринде Жанболоттон жашаган квартирасынын, аты жөнүн толук жаздырып алды да жолго чыкты. Жазылган дарек бойунча таксистке айтып берди эле, бат эле таап алды да бөлмөнүн чырылдагын басса эч ким чыкпады. Бет маңдайында жашаган аял чыга калып:

- Сизге ким керек? - деди эле ага ал ойлонуп туруп:

- Мен бул үйдө жашаган Алтынай деген кызга келген элем, кайда кеткенин билбейсиңерби, кызым? - деди.

- Аа-аа ал кыздын эмнеси болот элеңиз? - ал Мустафанын бутунан башына чейин көз токтото карап: "бул чал анын эмнеси болду экен, же клиенттеринен болдубу?" деп ойлоду.

- Эки жыл мурун менин уулума алып бергем, баласы менен кетип калган, ушул жерде жашап жатканынан угуп келдим эле, неберемди көрүп кетейин деп.

- Анда аны ата-энесинен сурабайсызбы, ал биерде жалгыз эле турчу, баласын көргөн эмеспиз, өзү болсо төрт-беш ай мурун өлгөн.

- Эмне болуп? - Мустафа билип туруп эле чоочуп сурап койду.

- Билбейм кимдир бирөө колу-бутун, оозу-мурдун бекем таңып таштаган экен, тумчугуп өлүптүр.

- Аа-аа рахматы болгур десе, шаарга келип калып эле көрүп кетейин деген элем, - Мустафа артын көздөй басты, - өлтүргөндөрдү табыштыбы? - кайрылып сурады.

- Ким билет, ал жөнүндө билбейт экемин. - аял үйүнө кирип баратып жооп берди. Мустафа эми Жанболоттун айтканы бойунча Беловодскиге жөнөдү. Бир күн кечке издеп сураштырып жүрүп кеч кирип кетти. Акырында бир бала ага кунт койо карап:

- Сиз издеген жакында шаарда жүрүп кызы өлгөн ушул болуш керек! - деп бир чарбактуу үйдүн дарбазасына алып келди. Мустафа ал эшикти эми кагайын дегенде андан алтымыштардагы сулуучумак жаш аял чыга калды.

- Субаналы дегендин үйүн издеп жүрдүм эле кызым, силер аны билбейсиңерби?

- Сиз ким болосуз? - аял бейтааныш адамды кабагын бүркөй карап кайра суроо узатты.

- Мм, - мен тапсам анан сүйлөшөйүн деген элем, сөзүм бар эле…. - Мустафа аны жалооруй карады, - таба алаар бекемин?

- Ушул Субаналынын үйү…. - арсар ойдо туруп калды, - андай зарыл болсо кириңиз!

- Рахмат кызым, - Мустафа ичкери кирип эле эки жакты саресеп сала байкап жатып: "сөздү эмнеден баштасам экен" деп ойлонгуча үйгө аял баштап кирди, төрдө өзүнөн бир топ жаш Субаналыны көрө салам айтты Мустафа.

- Ассало-ому Алейкум!

- Ал-леки салам, келиңиз! - Субаналы ордунан тура калып бейтааныш адамга алик ала колун сунду, - төргө отуруңуз.

- Аа-аа рахмат айланайын, - Мустафа төргө өтүп жайланышкандан кийин Субаналы аялына үн салды:

- Ээ Салый, дасторкон салып чай алып кел конокко!

- Азыр… - Салый дасторкон жайып чайын койду да ысык буусу бурулдаган чыныны сунуп отурду.

- Келген экенсиз?! - Субаналы бейтааныш адамга суроолуу карады.

- Менин атым Мустафа, атайын Нарындан келдим эле… - ал тигил өзүн таңдана карап сөз тыңшаган эрди-катынга көз жүгүртүп алды да, бир азга ойлуу отуруп анан сөз баштады: - Менин уулум бар, силерде кыз бар экен.. .

Салый бирдеме дегиче болбой Субаналы аны колун көтөрүп токтотуп койду.

- Айта бериңиз?!

- Эмесе мындай, менин уулум былтыр силердин кызыңарга ашык болуп бизге кеңешкени барган эле, биз анын тилин албай койсок ошондон бери бизге таарынып, азыр санаадан ооруп калды, арга жок өзүм келдим… - Мустафа экөөнү алмак салмак карап: "эмне дешээр экен" деп отуруп калганда Салый бирдеме дейин деп оозун таптап келатканда Субаналы колун көтөрө токтотту да тамагын кыра минтти:

- Аба, балаңыз ал кызга кайдан, кантип жолукту экен? - дегенде Мустафа сөз таба албай бир азга турду да:

- Ал өзү шаарда соода кылчу, экөөнүн кантип таанышканын кайдан сурамакмын, болгону так дарегиңерди алып, кыздын колун сурамакка киши жибермек болуп кеткен экен, биз каршы болуп аяктан аял алып берип койсок ага көңүл бурбай кетирип жиберди, - алаканын жая экөөнө карады, - акыры айла кеткенде келип отурам.

Ушул учурда Салый көзүнүн жашын салаалата ыйлап калды.

- Сиз кечирип койуңуз, кызыбызды өзүбүз таппай отурабыз, киши колдуу болуп өлгөнүнө жарым жылдан ашты, - Субаналы ойлуу, кайгылуу мурутун жаный жер карап отуруп айтканда Мустафа чоочугандай үн катты:

- Катыгүн ай, жаман болгон тура, муну укса уулум азап чегип ого бетер ооруйт экен да.

- Айла жок экен аба, колдон учуруп калдык, баланын күйүтүн ата-энеге деле салбасынчы! - Салый көз жашын сүртө сөзгө кошулду.

- Олда каранкалгырдыкы ай, кайда иштечү эле? - бул сөздү укканда Субаналы менен Салый экөө тең үн катпай отуруп калды. Бир топтон кийин Салый:

- Швеяда иштөөчү, айына келип кетип турчу, ушинтип тилеги каткан шүмшүктөрдөн жашында жайрап калбадыбы! - ал боздоп каргай баштаганда Мустафанын жүрөгү зырпылдап сайгылашып кетти: "олда-аа каран калган балам ай, ушул каргыштар соо койобу деги" деп тунжурай түштү. Ортодо көпкө чейин сөз уланбай үчөө үч жерде үнсүз отурушканда сырттан төрт-беш жашар уул бала кирип келди, аны Салый кучактап өөп алдына алып отуруп калды.

- Ушул ошо шордуу кыздын баласы, ушуну болсо да медер кылып, ордуна кармап калдык, - Субаналы кичинекей наристеге колун жаңсай көрсөттү да Мустафаны карап күтүүсүз суроо берди.

- Уулуңуз биздин кыз менен кайсыл учурда таанышкан экен, үйлөнөм деп силерге качан барды эле?

- Анын барганына бир жылдай болду, аял алып берсек алты ай жашады, айла жок кетип калды, уулум аны такыр жактырбай ичип келип урганынан чыдабады, ар убак Алтынай деп эле какшаган болсо зээниң кейийт, анан келип отурам.

- Насип эмес тура, кокус экөө үйлөнүп калганда өлбөйт беле? - Салый бышактап алды.

- Анда мен кетейин, ушул жума уулумду алып келип куран окутуп кетебиз, балам сүйүү деп сары ооруга чалдыкты, мүрзөсүн көрүп анан сууп калсын.

- Өзүңөр билгиле! - Субаналы кайдыгер суз унчукту.

- Мен билбей эле, сүйлөшүп, убадалашып анан алып кетсекпи деп келгемин. Уулум кайра-кайра айта бергенинен…

- Жаштар да, сүйүү деп эле турушат, ушу кыз да күйөөсүнөн сүйбөйм деп ажырашып алган….

- Уулум ашык болгон кыздын сүрөтүн көрүп кетейин жок дегенде, алып келчи кызым, - Мустафа атайын сурады..

- Мынакей, - Салый анын колуна алакандай сүрөттү берди, - Шордуу кызым айрыкча татынакай эле…

- Жаны… Жаны жанатта болсун бечара, уулумдун какшаганынча бар тура, - Мустафа көздөрү бакырайган, кашы көзү капкара, мурду кырдач, оозу оймоктой сулуу кыздын сүрөтүн көпкө чейин карап турду да, - Эми тиги дүйнөсүн берсин! - деп сүрөттү дасторкон четине койуп, куран окуй баштады. Алакан жайып бата кылгандан кийин Мустафа ордунан турду, - Эптеп шаарга жетип алайын…

Жанболот атасы шаарга кеткенден кийин көңүлү ачылып: "Эмне болсо да аныгын билип келээр" деп ошол күнү жакшы жүрдү. Баары кечинде башталды, Мустафанын касиетинен улам жакындай албай жүргөн неме көзгө көрүнбөгөн шумдуктарды көрсөтө баштады. Насыйкат тамак куйуп күйөөсүнө суна бергенде кадимки бирөө уруп жибергендей кесе түшүп кетип төгүлүп калды тамагы.

- Ай Жанболот, сага эмне болду, колго чаап тамакты төгүп ийдиң да? - Насыйкат үтүрөңдөй карады - жасаган тамагым жакпаса, өзүм жакпасам ачык эле айтпайсыңбы мени да кыйнабай!

- Койсоңчу, мен тийген деле жокмун, эми колумду сунайын дегенде төгүп алдың.

- Калп айтпа, кадимкидей эле чаап жибербедиңби!

- Насыйкат антип айтпачы, кантип эле чаап ийейин, - экөө көпкө акыйлашып атканда Батийна аларды тынчытты.

- Эмне эле болуп атасыңар балам, төгүлсө төгүлөөр, кайра куйуп бер айланайын.

- Сен төктүң деп мени күнөөлөп атпайбы?

- Колума чаап жибергендей болбодубу анан.

- Мейли кайра куйуп бер! - Насыйкат идишке кайра куйуп сунайын дегенде колунан дагы түшүп кетти.

- Келе балам мен куйуп берейин, сен тиги төгүлгөн тамактарды куйуп алып эшиктеги күчүккө берип кел! - Батийна кесени алып тамак куйуп Жанболотко берди эле ал аны алып алдына койо бергенде дагы төгүлүп калды.

- Капырай эмне эле болуп атат, - Батийна уулун карап сыртынан наалыган менен: "бул эмнеси ботом, адамдын ырыскысы төгүлгөн болбойт дечү эле, үчүнчү кесе да төгүлүп калды да?" деп түпөйүл санаага батып отуруп анан өзүнүн алдына кесеге тамак куйуп койуп:

- Кел ай бала, биякка келип отуруп иччи! - деп ордунан турганда Жанболот кабагын сала бурк этти:

- Насибим төгүлгөнү эмнеси апа, мен аякка отуруп ичпейм!

Ал эңкейип: "акыркы жолу дагы бир көрөйүн, дагы төгүлсө анда менин ырыскым түгөнүп баратканы", деп ойлонуп апасынын алдындагы кесени алып алдына койду да келме келтирип иче баштады. Ошол бойдон баары унутулуп өз бөлмөлөрүнө жатууга камынып төшөк салып жаткан Насыйкаттын кулагына шуу эткен дабыш угулуп жанынан бирөө өтүп кеткендей болду. Чоочуп кеткен келин сыртка жүгүрүп чыкты:

- Апа, коркуп кеттим, кулагыма шуулдаган үн угулуп жанымдан киши өткөндөй болуп кетти.

- Койчу айланайын, андай шумдук жок эле го, келме келтир балам, - төркү бөлмөгө кошо кирди, - коркпо садага, салдың беле?

- Жо-ок, эми эле салайын деп жаткан элем, - келин жүрөгү дүк, дүк согуп, колдору калчылдай төшөк сала баштады, Жанболот сырттан киргенде ага айтты эле ал:

- Насыйкат, коркпочу алтыным, эч нерсе жок, менин туулуп өскөн үйүм, жөн эле ошондой болуп атса керек! - деп аялын кучактап жатып алды. Экөө тең уктап кетти. Жанболот катуу уктап уктай электе, анын жанына Алтынай аппапак көйнөкчөн, чачтары жазылган бойдон упузун болуп жатып алды:

- Жанболот, сени күтүп чарчадым, эмнеге мени алдадың, мен сени жакшы көрчү эмес белем, - ал Жанболотту кучактап алды, - Экөөбүз бирге бололучу, качпачы менден.

- Алтынай, мен сенден качкан жокмун го, мына жанымда эле жатпайсыңбы? - Жанболот да аны бекем кучактап алып өпкүлөй баштаганда Алтынай бир укмуштай каткырып упузун болгон ак көйнөгү менен туруп баратып:

- Кана, мени издеп таап алчы, сен менден качып кутула албайсың, качкандан көрө издеп тап! - деп аны караганда көздөрү оттой күйүп барып заматта көйнөктүн ичинде сөөккө айланып бийлей баштады.

- Аа-аа! - деп бакырып тура калганда Насыйкат ойгонуп кетти.

- Эмне болду, түш көрдүңбү? - үрпөйө аны караганда ал башын чайкап үнсүз отура берди. Алардын үнүн уккан эне бөлмөгө баш багып:

- Тынччылыкпы айланайындар? - деп уулунун жанына отура калды, - өңүң корккондой кубарып кетиптир да, келме келтирсең боло балам, - деп кейий баштады, - жаман жерди басып алгансың го, эртең эрте жети токоч өткөрүп койойунчу, - ордунан туруп сырткы бөлмөдөн барып чыныга суу алып келди, - муздак суудан ууртачы.

Жанболот эч нерсе дебей чыныдагы суудан ууртап жатып дагы бакырып жиберди: Анткени суунун үстүнөн Алтынайдын элеси көрүнүп барып шалдыраган скелети чыкканда коркуп бакырган эле.

- Айланайын ай, эмне болуп кетти деги, кудай сакта, аксарбашыл айттым, айланайын кудай! - эне чебелектеп атты. Көпкө чейин кобурашып отурушту да кайра жатышты. Батийна эртең менен алар турганча камыр жууруп жети нанды жасап койуп анан алардын ойгонушун күтүп отурду. Жанболот эртең менен ойгонгондо оорлошуп тура албай жата берет беле, аны апасы ойгондубу деп кирип барып шаштырып тургузду:

- Бол эрте балам, күн чыга электе куран окуп жети нанды арбак жолуна багыштап койолу, атаң келсе бир улак өткөрөлү!

- Азыр, - ыргылжың болгон Жанболот туруп эшикке чыгып жуунуп келип дасторкон четине отурду.

- Өзүң оку балам куранды, - Батийна уулуна карады.

- Сиз эле окуй бербейсизби, - Жанболот мойноду эле ага энеси болбоду.

- Сен эле оку балам, эркек турганда куранды аял окубайт, кудайга ишенип, күнөөмдү кечире көр деп келме айтып тамакты ичээрде, нан жээрде "бисмилла" деп жүрсөң.

- Макул, - Жанболот куран окуп болуп алакан жайып оозун кыбыратып атып: "ушу Алтынай өлүп калган экен, мен аны атайлап өлтүрбөсөм да арбагы мага көрүнүп жатат, ошого багыштайын" деп Алтынайдын арбагына багыштап бата кылды. Андан кийин жети нанды эне ооз тийбей көтөрүп эшикке чыкты да жолдон өтүп бараткан кишилерге берип үйгө кирди: "Күн көтөрүлө электе жети тыйын да берейин садагага" деп жети сом алып чыгып тээ төмөн жактагы үч айрылыш жолго таштап келди да:

- Жанболот эшикке чыкчы бери! - деди да өзү чыныга суу куйуп чыгып баласынын башынан үч тегеретип үч жолу түкүртүп туруп жол тарапка чачып жиберди:

- Ушуну менен балээнин баары чыгып кетсин! - дарбазаны жаап, - тур артыңды карабай кирип кет, - деди. Насыйкат болсо үйдө жалгыз калгандан коркуп калды. Элеңдеп эле бирөө аны карап тургандай болуп өзүн жаман сезип туруп алганынан аны Батийна төркүнүнө жиберди.

- Сен бир-эки күн кудагыйдын жанында болуп алаксып келчи балам, чоочуп калдың окшойт.

- Чоочуган деле жокмун, атам келгенде эле барайын.

- Кой, ал келгенде кудайы өткөрөбүз, эки күндөн кийин чакыртпай келип кал же Жанболот барат.

- Макул, - Насыйкат кудуңдап жөнөдү. Ал жөнөп жатканда Жанболот көңүл да бурбады, шыпты тиктеген бойдон ойлуу жата берди. Аны көргөндө жаш келинчеги бир эсе жини келе таарынгысы келип барып: "бул ооруп жүрсө керек, чын эле апам айткандай жаман жерди басып алган го", деп ойлоп акырын коштошпой чыгып кетти.

Төртүнчү күнү Мустафа келди. Ал үйдө Насыйкаттын жогун билгенден кийин кемпири менен Жанболотту маңдайына койуп алып:

- Уулум, мен жокто сыр көргөн жоксуңарбы? - деди.

- Капырай, ушу сенин билгичтигиңди… - Батийна чалын жактыра бербей ары бурула берди, - көрдүк, сыр берди, жүрөгүбүз түшүп калды.

- Ошондой болмок, менден даап тийе албай жүргөн, - Жанболотту карады, - уулум угуп тур, Алтынайдын арбагы сага нааразы, аны бирөөлөр өлтүрүп кетиптир деп ата-энеси каргап отурат - дегенде Жанболот чоочуп кетти:

- Мен аны өлтүргөн эмесмин да?!

- Токто балам, баары бир сен өлтүргөнсүң аны, сен келгенде эле колуң кандуу болуп келгенсиң, антип актангандан пайда жок, - деген Мустафа ага болгон иштин баарын айтып анан бара турган күндү белгиледи. Бул жөнүндө Насыйкатка билдирбей жасоону макулдашышты.

- Бирден бир себеп сенин денсоолугуңа байланыштуу, тынч аман жашашың керек, сен аларга мен үйлөнөм деп айылга кеткен бойдон кезиге албай калдым, акыры атамды жөнөткөмүн деп менин сөзүмдү жактайсың, - деп ага баарын түшүндүрдү. - Андан кийинкисин мага кой!

Ошентип эртеси эле көк улак сойуп түлөө беришти да, үч күндөн кийин семиз койду машинага салып алып шаарды көздөй жол тартышты. Алар келишкенде Субаналы жакшы тосуп алып, дасторконун жайып Жанболоттун азган өңүн көрүп чындап ишенди. Анын башкача ооруп мойнундагы адам канынын азабынан ушул абалга келгенин билбей: "бечара татынакай эле жигит экен, өмүрү кыска тура байкуш кызымдын" деп ичтен сызып отурду. Койун сойуп эл чакырып куран окутуп, мүрзөсүнө барып келишти. Жанболоттун мүрзөгө барганда баягы түшүндө көргөндөй чыгып келе калып жанына отуруп ала тургансып жүрөксүгөнү менен, аны менен бирге жашаган таттуу күндөрүн эстеп көзүнө жаш алып өбөктөп үйүлгөн топуракты чапчый ичинен жалынып кечирим сурап жатты: "Кечир мени Алтынай, мен сени эч качан өлтүрөйүн деген эмесмин" деп көзүнүн жашын төгө арбактын алдында күнөөсү үчүн кудайдан кечирим сурап көпкө отурду. Аны көргөн Алтынайдын ата-энеси ого бетер ыйлап: "сүйүүнүн күчүн карачы, аман-эсен жүрүп ушуну менен жашап калганда болбойт беле", дешип анын атасын жек көрүп да кетишти: "мурда макул болуп койсо эмне, эми күч келгенде минтип келгенин, кантели бу да болсо тагдыр… " дешип улутунуп алышты.

- Уулум кетели эми, түш ооп кетти! - Мустафа уулун колтуктай өйдө кылды.

- Балам ай, бу да болсо тагдыр, болбосо экөөңөр баш кошуп калганда өлбөй калат беле? - Салый өз ойун айтып жашын жоолук учу менен аарчып ары басты. Ээрчишкен төртөө төтө жол менен келген жолуна түшүп айылга жете бергенде Мустафа тигилерди карап сөз баштады:

- Айла канча, буйрук эмес экен, убагында каршы болгон мени кечирип койгула, аман тургула, биз ушерден эле кетели, - деди да, алар менен коштошуп таксиге отуруп түндөп үйүнө келип, өзү Жанболотко дем салып кирди. Түнү менен окуп таң сөгүлө баштаганда гана жатышты.

Жети күн окуду, качан гана Жанболот тынч уктап көңүлү ачылып кадимкисиндей болуп келиндин элеси көрүнбөй калганда окуусун токтотту. Насыйкат күйөөсүнүн баштагыдай болбой өзүнө көңүл буруп калганына сүйүнүп жүрдү. Арадан убакыт өтүп келинчегинин бойуна болуп калганын уккан Жанболот кубанычы койнуна батпай эркелетип аяп турчу болду. Ушул жай турмуш өтүп жаткан учурда Мустафа түш аян алды. Анын колдоочусу, периштеси ага ачык эле: "Сен кайгырба, уулуң төрөлө турган уулун көрбөйт, анын орду тиякта, далбастаганың бекер, Жанболоттун өмүрү кыска, бул анын төрөлгөндө пешенесине жазылган" деп күңгүрөндү. Ойгонуп кеткен Мустафа ордунан туруп эшикке чыгып көпкө басып жүрдү. Насыйкаттын төрөөрүнө аз калган эле, "аттигиниң ай, арга кылалбастыгым арман" деп оор күрсүнүп алды да жерге жарык киргенде кемпирин ойготту. Эч нерсе айтпады. Тек намазын окуп болуп анан кемпирине:

- Бүгүн тиги козуну сойуп алалычы, балдар ысык шорпо ичишсин, тиги балдарыңды да чакырып кой! - деди.

- Ийи ботом, эт аш деле бар го! - Батийна чалын таңгала карап койду.

- Айтканды жасай берсеңчи, кемпир, - деп койду кебелбей. Мустафа ойлуу "билип туруп өлүмгө өз балаңды узатуу кандай арман, аттиң арачалап калсам кана??? Мейли келин төрөгөнү калды, уулумду акыркы жолу коноктогонум болсун!" деп ичи өрттөнө муңканып дилинде сыздап турду.

Мустафа ошондон баштап Жанболотту жанынан жаш баладай чыгарбай сүйлөшүп отура бергиси келет. Көзүнө көзү чагыла түшкөндө өзүнүн айыпсыз көзүн тартып алып: "Жакшы-ы, эч нерсе сезилбейт, тиги кыздын элеси болсо көрүнбөй калды" деп ойлонуп кетти. Ошол күнү Жанболотту жолдош балдары ээрчитип кеткенде Мустафанын жүрөгү түпөйүлдөнө берди. "Барбасаңчы" дегенине болбой өзү да ээлигип алды.

- Ата, кызыксыз деги, мен эми кичине бала белем, барып келейин! - деди да басып кетти. Кеч келди, кызуу болуп келип Насыйкаттын ичин сыйпалап:

- Насыйкат, айтчы бул кызбы же уулбу? - деди келинчегин өпкүлөй.

- Билбейм, - келин эркелеп ого бетер кыткылыктап, - сен айтчы билсең?

- Менби, мен айтсам уул болот, анткени баардык эркектер тун уулдуу болууну каалашат да!

- А мен кыз болсо экен деп атпайымбы?

- Кой жаным, бул уул болот, менин атыма уйкаш кылып атын Бекболот койобуз, мага окшош болот!

- Макул, макул уул эле болсун! - деп эркелешип жатып уйкуга киришти. Аттиң ушул ирмемдер алардын акыркы мүнөттөрү экенин сезмек кайда, бири бул опасыз турмуштун түйшүгүнөн биротоло кутулуп, чын дүйнөнүн эшиги жок, төрү жок үйүнөн орун алып жарыкчылык менен кош айтышып кетээрин, бири бир кубаныч менен күйүттүн торунда чабалактап, боздоп калаарын кайдан билмек? Түн бир оокумда ойгонгон Жанболот жаткан ордунан өйдө болуп отуруп калганда Насыйкат да ичим деп эшикке чыгып келди.

- Насыйкат, - деди Жанболот, - мен өтө жаман түш көрдүм, өлгөн неме менин жаныма жатып алып, мени менен кетесиң, мен сени алып кетем деп жатыптыр… - деп аялын үрпөйө карады.

- Ичип алганда ошондой боло берет, жат жатып уктачы, менин ичим ооруп атат, - деп ары карап жатып алды. Улутуна анын ары карап жатып алганына көңүлү ооруп бир азга анын бөрсөйүп турган курсагын карап кайра жибип кетти: "байкушум десе, аман-эсен көз жарып алса экен" деп аялын карап курсагына колун тийгизе артына жатып калды. Ушул жаткан бойдон турбай калаарын бечара сезбеди. Таңга маал Насыйкаттын ичи катуу ооруп чыдай албай улам эшикке чыгып жатканын көрүп Батийна туруп келди :

- Балам толготуп калсаң керек, Жанболотту тур де, такси алып келе койсун төрөтканага жеткирели, - деди эле Насыйкат:

- Апа, ал ичип келгенге кыйналып жатат, тургузбай эле койуңуз, акушерка жеңемчи, ошого барып көрөлү, мүмкүн толгоо эмес чыгаар - деп болбой койду. Алардан эки үй арыта Умсун деген акушерка бар болчу, алардын тууганчылык жайы бар эле. Батийна келинин колтуктап алып Умсундун үйүнө келгенде таң сүрүп жерге жарык кирип калган эле. Жолдо улам тынып ичин кармап токтой калып атып ошол турган жерге зорго жетишти. Умсун аны көрүп эле чоочуп кетти.

- Кокуй жеңе толгоосу бышып калган тура, күйөөсү эмне кылып жатат, машина менен алып бара койолу - деп шаша үйгө кирип күйөөсүн ойготуп машинасын айдата койуп төрөтканага жеткенде эле баса албай калып көтөрүп киришти. Умсун менен дежурный акушерка уколдорун даярдап келинди креслого чыгаргыча эле ачуу чаңырганда бала түшүп калды. Насыйкат өзү зорго жатып: "Жанболот аябай сүйүнөт го, эркек экенин билгендей айткан тура" деп өзүнчө бактылуу жылмайып күйөөсүнүн сүйүнүчүн кошо бөлүшүп баласын ортого алып жатып эркелетишээрин ойлоп эки көзү тарбалаңдап стол үстүндөгү жаткан наристесинде болуп жатты. Умсун Батийнага чыгып :

- Уул төрөдү, сүйүнчү жеңе! - деди, - сүйүнчүмө эмне бересиң? - тамашалай кетти.

- Болсун айланайын, сүйүнчүңө берем, азыр менин жанымда эчтеке жок экен, анан келем, тиги жаман уйкучу атасына сүйүнчүлөйүн! - шашкалактаган эне үйүн көздөй жөнөдү. Келип эле адегенде: "Жанболотко сүйүнчүлөйүн" деп төркү уул-келин жаткан бөлмөгө кирип ээси ооп эмелеги кубанычы жел учурган камгактай кайда кеткенин билбей нез боло бир саамга туруп калды. Мустафа Жанболоттун жүзүнөн сылай сакалы ылдый жашы куйула колун кармап отурган эле… "Аа-ай" деп бир чаңырып алган эне жетип эле Мустафага бир тийди:

- Эмне болду буга, аны эмне колун сыйпалап жатасың? - эңкейип уулунун жүзүнө колун алпара, - ой арам жаман, уулдуу болбодуңбу, уктай бербей турбайсыңбы?! - дегенде Мустафа:

- Биротоло уктап калды кемпир, ушундай болмок, уулун көрбөй кетмек…. - деп күңгүрөнгөндө гана акылына келе калган Батийна чаңырып басып калды. Ошондо Мустафа да ордунан туруп сыртка чыгып өкүрүп кирди эле, айыл-апа дароо чогулуп калышты. Анын жакшына эле жүрүп өлгөнүнө баары таң калып, акыры келип эле баягы арактан көрүп калышты.

"Өлгөндүн жазасы көмгөн" деп үч күндөн кийин жайына беришти, айрыкча жаш төрөгөн келиндин боздогонун айтпа, таттуу кыялдары сел каптагандай таш талканы чыгып кала берди.. Качан гана Жанболотту жайына берип үч-төрт күн өткөндөн кийин небересине ырымдап азан айтып ат койушту. Насыйкат алардын тапкан атына макул болбоду:

- Ошол акырыкы түнү өзү айткан, эркек болсо Бекболот койом деп.

- Макул балам анда, өзүнүн керээзин аткаралы!

Ошентип Мустафа ичтен сызып өзүнүн алдын ала билип койгонуна нааразы болуп кудайга таарыныч кылып намаз окуп отуруп: "мындан ары балдарымдын жаманчылыгын көрсөтө көрбө" деп жалынып жатты. Ал ошол түнү периштеси менен дагы бир жолугушту түшүндө: "сен антип нааразы болгонуң жакшы эмес, бул жакшы касиет, болбосо уулуңдан туяк калмак эмес" деди ал. "Жамандыктын болушун, өңгөдөн да карачечекей балаңдын өлөөрүн билген азап да арман да экен, ушундан көрө касиетиңди алчы?!". "Жок, аны мен берген эмесмин алланын берген касиети, кесир кылба". "Мындан ары балдарымдын жамандыгын көрбөйүнчү". "Эми эч жамандык болбойт, неберең жакшы адам болуп чыгат". "Ошондой эле болсун" деп оодарыла бергенде ойгонуп кетип көпкө эмелеги көргөн түшүн эстеп шуу эте үшкүрүп алып ичтеги өксүгүн жел менен үйлөп алгандай болду да эс ала түштү.

**** **** ****

Ошол күнү Света кеч келди, уулу менен күйөөсү жаткан бөлмөгө кирбей башка бөлмөгө кирип жатып алды. Анын келгенин Эмир билген жок, Абалкан билсе да карабады, ордунан турбады. Ал тагдырына таарынып уктабай ойгоо жаткан. Ал көптөн бери аял жытын да сагынып калган. Аялынын адам катарынан чыгып ичип кетишине өкүнүп: "Чын эле мен күнөөлүмүнбү, каалаган жагына койо берип, ичип келсе унчукпай койгонумбу, өзү эсине келээр дебедимби" деп ары оодарылып, бери оодарылып кыжалат боло берди: "Эртең менен дагы кетет, сөзсүз аңдып артынан барамын" деп ойлоп алды: "Кайда, кимдикине барып жүрөт болду экен, карызын төлөй берип тажадым, жакында Сарвиназдын контрагын төлөш керек". Ушул ойлорго жетеленип барып уйку жеңип кеткенин сезбей калды. Калдыр-кулдур дабыштан ойгонуп кетсе Света казан-аякты аңтарып бирдеме издеп жатыптыр, көзүн ачаар ачмаксан болуп жата берди. Бир кезде ичи ачышып калган окшойт, шорпо ысытып ичти да сыртка чыкты. Абалкан шаша кийинип анын артынан жөнөдү. Жумуштан кечикчүдөй болуп артын карабай кетип жаткан аялынын артынан кете берди. Айылдын аягындагы эскилиги жетип каралбай калган үйдүн эшигин токтолбой ачып кирип кетти. Абалкан аярлай эки жагын карап үйдүн терезеси жакка өттү. Кобураган үн чыкканынан жанаша терезенин түбүнө барып тыңшаганда даана үн угулду. Терезенин айнеги жок клеенка капталып, анын да ар кайсы жери айрылып калган.

- Келдиңби, бирдеме ала келдиңби? - колдураган эркектин үнү угулду.

- Таппаганда.. Үйдөгү эрим байкабасын деп өзүмдүн сөйкөмдү алып келдим, муну өткөрүп тамак-аш алып келе кал.

- Теги күйөөң эмне деп жатат, келесоо эмеспи ыя?

- Ой аны эмне кыласың, жаныңда турганыма сүйүнбөйсүңбү, баш ооруп кыйналып атканда тезирээк алып келе койчу, - Света ага өктөм сүйлөдү, - өз сүйгөнүм, махабатым, жоготкон бактым табылып мен бактылуу болуп жүргөндө ошол эр сөрөйдү урганым барбы!

- Оо алтыным десе, биз адашып табышкандарбыз да, кой мен жөнөдүм, сен ысык тамак жасай бер!

- Ооба жаным, сен келгиче ширин шорпо жасап койом, Шеке, тез келип кал!

- Тез эле келем - Шекербек бутун сүйрөй сыртка чыгып келатканда Абалкан там артына жашынып калды. Ал нары кетээри менен Абалкан үйгө кирип барганда Светанын жүрөгү түшө селдейе оозуна сөз кирбей туруп калды.

- Үйгө барчу болбо, болду өз теңиңди таапсың, сага теңелген кайран жан! - деген Абалкан ачуусун зорго токтотуп сыртка карай шарт бурулуп жөнөдү.

- Абалкан! - Света анын артынан умтулуп калганда ал колун көтөрө ары караган бойдон токтотту:

- Сүйлөбө, мындан ары үйдөн көрбөйүн! - тез-тез басып чыгып кетти. Ал жолго чыга бергенде пакетке бирдемелерди көтөрүп келаткан Шекербекти көрдү да унчукпады, аны карабады, ылдамдай басып кетип атты. Ал экөө деги башынан бир бирине тааныш болчу, дегиңкиси экөө теңтуш эле болчу. Абалкан окуп, андан кийин шаарда иштеп, жашап калып ошол бойдон жолукпай калышкан. Бирок ал жөнүндө кабары бар болчу. Шекербек жогорку окуу жайын бүтүп иштеп жүрүп кокусунан кесилип кеткенде аялы эки баласы менен күйөөгө тийип кеткен. Түрмөдөн келгенде кийин өз үйүндө жалгыз ичкиликти эрмек кылып жашачу. Шекербек Абалканды караган бойдон көпкө турду да үйүнө кирди. Света тамак жасап отурган.

- Тигиниң келип кеттиби? - кирип эле сурады.

- Ооба!

- Эмне дейт?

- Эмне демек эле, үйгө барба деп кетти, бирөө жарым айтып койгон го?

- Жаман болуптур, балаң билсе эмне дээр экен? - Шекербек Светлананы аңкая карады.

- Ой ал балага айтпайт, ошондой неме, койчу аны, куй тигинден, тамак бышкыча башты жазып алалы.

- Азыр…. - Шекербек арактын оозун ачып эки стаканга куйуп бирин Светага сунду, - Кел алып жиберели! - өзү жутуп жиберип, пияздан чайнап алды, - Эми кандай кылайын деген ойуң бар?

- Сен турганда башым да оорубайт, анын ак сарайынан сенин кепең мага өйдө көрүнөт, - Света эч бир ойлонбой жооп берди.

- Ой азамат десе, мен сага ишенгемин, бирок ал үйгө барбасаң экөөбүз кантип жан сактайбыз?

- "Өлбөгөнгө өлүү балык кез келет" дегенди билесиңби, экөөбүздүн ырыскыбыз түгөнбөсө жашоо өтөт берет!

- Ошентсе да…. - Шекербек үңкүйүп отуруп калды, - сенин андан кеткениңди билсе комоктогулар да карыз бербейт.

- Анда-аа, - Света ойлонуп отуруп калды да, бир нерсени ойлоп тапкандай сүйүнүп кетти, - Мындай кылам, кечинде барам да кечирим сурап, экинчи үйдөн чыкпайм деп убада берем, анан үч күн өткөндөн кийин кечинде сени күтөм, андан аркысын мага кой!

- Эмне бирдеме өндүрөсүңбү?

- Ооба, эгер мени менен жашабайм десе, мага тиешелүүнү бөлүп бер дейм, эгер ага болбосо сотко берем!

- Оо молодец, эң тура ойлоп таптың, эптеп экөөбүз жашап кетчүдөй бирдеме таап кел! - Шекербек дагы куйду, - кел дагы бирден алалы, - экөө арактан жутуп алып ойлонуп отуруп калышты, Света тамак куйуп берип ичип атканда Шекербек: - Эми эки-үч күн сен келбей калсаң кантем жаным, эгер жашап калсаңарчы?

- Ал эми мени менен жашабайт, көрөсүң го, ал көкбет, айтканынан кайтпаган неме.

- Кел курсак тойуп баш жазылды, төшөккө кирели, кечинде кетсең эмне кылам ыя, ансыз да кечке жанымда болгонго көнүп алып түнү бойу кыйналып чыгам.

Экөө калган аракты бөлө тарта ичип алышты да төшөккө киришти. Эми алардын төшөк дегени эптеп эле эскилиги жетип пахталары самсаалаган кир төшөктөр. Ошондон жийиркенбей экөө тең дырдай жылаңач болуп төшөккө кирип кетишти.

Абалкан үйүнө келип Эмирдин мектепке кеткенин билди. Кабагын сала эшиктин алдында шалдая отуруп калды: "тобоо, менден эле ошо артыкпы, же чын эле экөө бир бирин мурунтан сүйгөн болду бекен, апаппак шейшеп, оокат аш, заңгыраган үй аны көптүргөн экен" деп башы ооруп, ойлогондон жинди болуп кете жаздады. Ал ошентип отурганда кайненеси Аселкан келип калды:

- Света үйдөбү? - ал амандашкандан кийин кызын сурады.

- Жок апа, ал бул үйдө жашагысы келбейт экен, мени чанып башка күйөөгө тийип алыптыр, бүгүн билдим.

- Эмне дейт ботом, деги каякта экен алар? - Аселкан чоочуй сурады.

- Өзүңүз барып көрүп келиңиз, - Абалкан үңкүйгөн бойдон дарегин айтып берди. Аселкан күйөөсү айтып баргандан кийин чыдай албай дароо жөнөгөн. Ал күйөө баласынын айтканы менен түз көчө менен кете берди. Айылдын этеги узак көрүнүп ар кайсыны ойлоп баратканда теңселе басып келаткан Света алдынан чыкты. Ал Шекербек экөө төшөктөн тургандан кийин дагы бир бөтөлкөнү бөлүп ичип алып анан чыккан болчу. Света аны таанымак эмес, анткени эч нерсени карабай теңселе басып келе жаткан. Аселкан аны бир көргөндө байкамак эмес: "капырай ушунча ичмек беле, ушуга окшогондор менен ичип жүргөн го?" деп ага көңүл бура караганда таң калганынан кыйкырып ийе жаздады.

- Ой Света, сенсиңби ыя?! - таң кала караганда ал токтой калып ыргала апасын карап:

- Эмне болду, менмин, эмне экен, менин өзүмдүн сүйгөнүмдү таап алганымды көрө албай атасыңарбы? - ал ыргалып көздөрү сүзүлүп турса да так сүйлөдү.

- Ок кара жерге кир, сен, карачы кебетиңди, сүйгүчүн мунун, эми кырктан ашканда! - Аселкан Светаны колтуктап басайын дегенде бур эте жаман жыт мурун өрдөдү, - өлүп эле калсаңчы, чырактай болуп чоңойуп калган балаң, ойуң менен болуп кем кылбай багып отурган эриң туруп сени кудай урган турбайбы?!

- Ош-шо эр-р болбой кара жерге кир-рип кет-син, эй апа, сен мага ак-ыл үйрөтпөй эле койчу ээ, өз башым менен жашайм!

- Өз башың менен иштебей кара жерге кирип кет! - Аселкан анын сөзүн уккусу келбей жетелеп жөнөдү.

Үйүнө келгенден кийин Абалкандын эшикте жүргөнүн көрүп ага айкырып кирди:

- Эй сен эмне мага кыйын болуп калдыңбы, апамды мага жөнөткөндөй, билгениңди кыл, мен сүйгөнүмдү таптым, мен аны менен жашайм, уктуңбу?

- Эмне кылсаң ошо кыл! - Абалкан кайненесинен тартынып колун шилтей басты, - мен сени келбе дебедим беле, эмнеге келдиң?

- Келем, келбегенде эмне кыласың ыя, менин эмгегим бар, энчимди бөлүп бересиң анан кетем!

- Энчиңди карыздарыңа төлөп бүттүм, кылдай эч нерсе бербейм!

- Эмнеге бербейт экенсиң, бер-ресиң!

- Болду кажылдабай жатып эс ал анан сүйлөшөбүз, - Светаны Аселкан үйгө киргизип кийимдерин которуп кийгизди да, - уялсаң боло, кайсы энчиңди айтып атасың бети жок, момун уяттуу күйөөңдү элге уят кылып бүтүпсүң, дагы Абалкан экен сенин ушунуңа чыдаган, - наалып атты эне.

- Силер мага кийлигишпегиле, мен өзүмдү өзүм бил-лем, мен баары бир кетем!

- Укта, андай кетсең ичпей, өзүңдү жеңил кылбай акыл менен кетпейт белең, Сенин ушул абалыңды көрүп, кошо ичип жүргөн неменин адам катары касиети деле жок чыгаар? - эне кейип сүйлөдү.

- Ал, ал деген адам эркек!

- Бас жаагыңды, адамча кет кетсең, күйөөңө сөз келтирип, балаңды теңтуштарына уят кылып жолдо темселеп жүргөндөн көрө өлсөң боло!

- Акыл үйрөтпөгүлөчү мага… - Света көзүн жумуп уктап баратып булдурады, - мен аны сүйөм, бил-лиңерби, сүйөм!

- Сүйбөй сүмүрөн калсаңчы! - Эне анын үстүн жаап койуп чарчагандан ойлуу отуруп калды. Абалкан экөөнүн сөзүн бүт укту. Эмир келип таенесине арызданып жатты:

- Бул эмне мынча ичет, классташтарымдын көзүнчө уялып бүттүм, сүйлөй албай калдым…

- Садага болойун десе, апаңды түшүн, сенден улуу баласы дайынсыз жоголбодубу, ошонун күйүтү го?

- А менчи? Мен буга бала эмесминби, биринин кайгысын тартып мынча ичип кетсе мени да жоготуп алат… - Эмир жашын аарчый, - Мен дайынсыз эле жоголуп кетпейм, ушинте берсе көз алдында өлүп берем! - деп сыртты карады, - атамды гана аяп жүрөм, болбосо… - ойлуу, - тажадым ушунун кылыгынан, атам билбейт, мен мунун кайда, кандай адам менен жүргөнүн билем, өлтүрүп салайын дейм, колум барбайт!

- Кой балам, андай жаман ойго алдырба, апаң эсине келет, мен үйгө алып кетип оңдойм.

- Оңолсо оңолсун, болбосо мен аны эне деп эсептебейм, андан көрө атам экөөбүз тың жашайбыз!

- Садага болойун десе, акылына келет, - Аселкан ойлуу Эмирди кучактап сооротуп жатып: "алда-аа куураган кыз ай, ушул жалгыз баласына жек көрүнүп калган экен, шерменденин барып жүргөн үйүн да билет тура" деп өзүнөн кичирейип кичинекей наристе баланын алдында кара чечекей кызы үчүн уялып жүрдү.

Ал күнү Аселкан жатып калды. Канчадан бери ичип, өзүн караганга алы келбей калса да, үйдүн ичи таптаза болуп жыйнактуу, баары жай жайында турганын көрүп ичинен дагы уялды: "Алтындай күйөөсүн барктай албай кайдагы селсаяк менен сүйдүм деп жүрүп ичип кеткенин кара, эмнеден кеми бар бул шерменденин, кийем десе кийим, ичем десе ичип жүрө бербейби" деп күйөө баласын аяп жатты. Ошол уктаган бойдон түн бир оокумда туруп суу издеген Света казан-аякты калдыратып муздак суу ичип кайра жатып ойлонуп жатты: "кой минтип жүргөнүм болбойт, тирүү болсо келип калмак, аны жоктойм деп жалгыз балама жаман көрүнбөйүн" деп уйкусу келбей башы ооруса да чыдап жата берди. Эртең менен Аселкан аны ойготту:

- Ой кыз тур, мончо жагып койдум жуунуп алчы, мен оокат жасайын.

- Азыр… - Света бир азга тургусу келбей жатып анан өйдө болду эле башы жарыла ооруп, кускусу келип окшуп жиберди.

- Мен сага бөтөлкө алып келип аз-аздан берейин, көптөн бери ичип жүрүп ичпей калган киши өлүп калат дечү эле… - Аселкан анын окшуганынан чылапчынды алып келип берди да сыртка чыкты. Бир аздан кийин койнуна бир бөтөлкөнү катып койуп Светага стаканды алып кирип берди, - Ме муну жутуп ий! - аны жутуп жиберди да:

- Ушуну сонун кылдың апа, мен оңолбосом болбойт, - деп кайра жатып калды.

- Жатып албай туруп жуун, карачы жаныңа киши туралбай калыптыр, канчадан бери жуунбаганга.

- Азыр, шаштырбачы, - Света көпкө чейин жатып анан турду да мончого кирди. Аселкан күйөө баласына болбой өзү тамак жасады. Чогуу отуруп тамак иче албады, аны көргөн эне дагы бир стакан арак куйуп берди:

- Бүгүн аз-аздан ичсең оңолуп кетесиң, - деп ашыкча сөз айтпай эч нерсе болбогондой, кечээги сөздөрдүн бирин да козгогон жок. Абалкан менен Эмир да үндөбөдү. Ошол бойдон эч кимиси үн дебей өз иштери менен алектенип кетти. Асел болсо кызынын кийим-кечесин жууп жайып, улам анын жанына барып ысык тамак берип арактан аз аздан куйуп берип карап атты. Ал болсо солуп жата берди. Ичинен ата-энесинен уялып: "Эмнеге минтип ичип кеттим, Шекербек жолукпаганда бул абалга келмек эмесмин… баса ал кантет же иштебесе, же бир мал-салы болбосо эмне болоор экен?" деп ойлонуп атты. Аны менен өткөргөн күндөрү ал үчүн табылгыс эле; "Айрыкча төшөктөгүсүчү, ушунча жыл жашап Абалкандан андай ыракат алган эмесмин, анын колунда болбосо да анын күч кубаты… " деп ойлоп аны эңсей баштады. Бирок ушул азыр анда эки айрылыш жол бар эле, же биротоло үйбүлөсүн сактап калуу керек же Шекербек менен кетиши керек. Кайсынысын тандоону билбей башы катып атты: "Абалкан апамдын көзүнчө унчукпай турат, баары бир көрүп койду, эми мени менен жашабайт да, жатпайт" деп ойлогондо Шекербекке эле кетип калгысы келет: "Ал экөөбүз ачкадан өлөбүз го, колунда эчтеке жок, ушуга чейин тамак-ашты мен ташып жүрдүм" ордунан жылбай жатып алып ушуларды ойлогондо эмне кылаарын билбей ого бетер башы ооруп чыкты.

Аселкан кечке киркок жууп, тамак жасап, үйүн жыйып анан кечинде калган аракты дагы куйуп берди:

- Эми эсиңе кел, эсиң барда этегиңди жый, Эмир сенин кайда, эмне кылып жүргөнүңдүн баарын билет экен, уялсаң боло, момун күйөөңдү кордосоң азабын тартасың.

- Койчу апа, ансыз да башым ооруп атат, болду мына ичпей тилиңерди алып эч жакка жылбай жатам го? - Света апасынын сөзүн уккусу келбей башын ары буруп кетти.

- Эмир билет экен дейсизби? - Света кайра бери карап сурады.

- Ооба көрүптүр, чоңойгон бала ачуусу менен экөөңдү тең өлтүрүп салса эмне болот ыя, сенин кылыгыңды агаларың уга элек, укса биринчи алар эле өлтүрүп койот!

- Өлсө өлөм да, аянса да аянбаса да бир жан өлөт эмеспи! - Света жактырбагандай көзүн жума ары бурулду, -

Алар бир пикирге келише албай көпкө сүйлөшүп атышты, Света апасынын бир да сөзүн туура кабыл албады, баарын түшүнүп турса да кабыл алгысы келбеди. Ошону менен сөз бүтүп, эне бала орун салып жатып калышты. Кеч күз болуп калган. Аселкан бир жумадай жүрдү, бул арада Света кадимкисиндей оңолуп үй ичин, жумушун жасап калды. Абалкан аялы менен эч бир сүйлөшпөдү, үндөбөй тамагын ичип алып малын карап сыртта жүрө берет. Эмир да апасына мурдагыдай болбой мектепке барып келгенден кийин сабагын окуйт да жатып алат. Жумадан ашып Света өзүнө келип калгандан кийин Аселкан кечки тамакты ичип отуруп сөз баштады:

- Айланайын балам, - Абалканды карай, - сен эми мынча болду Светанын күнөөсүн кечир, мен кызым үчүн кечирим сурайм, "эр жигиттин ичине ээр токулуу ат батыптыр" деген сөз бар, мен кетейин, итчилик кылды кечир!? - деди, - Куржунбай деле айткан тура, "биз сага Светаны бергенбиз, эти биздики, сөөгү сеники", эгер дагы ичип басып кете турган болсо өзүң бил, биз сени күнөөлөбөйбүз! - дегенде Света чары жарылып кете жаздады:

- Эмне мени ур, саба дегени турасыңарбы, антип жиниме тийсеңер азыр да кетип калам!

- "Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат" болбо, бул сенин күйөөң!

- Күйөө болсо боло берсин, баары бир өзүмдү өзүм билем!

- Андай өзүңдү өзүң биле турган болсоң азыр апам менен кошо кет, мен эмнеге унчукпай отурам, ушуларды, баламды сыйлап отурам! - Абалкан ачуулу сүйлөдү, - Чынын айтсам ушу сени көрөйүн деген көзүм да жок! - ойлуу, - мен да башка эркектердей уруп, сабап койом, бирок сенин жүрөгүңдү эмес кары кишилердин жүрөгүн оорутпайын деп отурам!

- Колуңдан келгенин кыл! - Света тилин тартпады.

- Ой Света, сенде такыр уят калбай калган го? - Абалканды карады, - буту-колун сындырып сал баса турган болсо! - Аселкан ордунан турганда Абалкан:

- Биздин жашоо болбой калды көрүнөт апа, мени кечирип койгула, Света силер менен барып жок дегенде бир-эки ай эс алып келсин, акылына келээр… - деп жер карады, - сиз кеткенден кийин кайра эле баштайт, силерди кайра-кайра чакыра берип убара кылбайлы, -

- Болуптур балам, ырас эле бир аз алаксып келсин, - Светаны карап: - Балам, Абалкан тура айтат сен эс алып, мага жардам берип жүрүп кел! - деди.

- Эч жакка барбайм, өз үйүм, өлөң төшөгүм мени кубалай албайт, өлбөй өчүмдү, кетпей кегимди алам! - Света бурк этип койуп чайдан ууртады, - кетсем башка жакка кетем, мен жаш бала эмесмин, бирөөнүн акылы менен жашагыдай, тагдырымды өзүм чечем, кырктан ашкан аялга акыл айтып болупсуңар! - деп кытмыр жылмайып койду.

- Обуң менен болчу кызым, карыганда мени кыйнабай, - Аселкан жумшак сүйлөп эпке келтирмекке аракеттенди. Абалкан: "Айтаар сөзүмдү деги айттым, өздөрү чечсин" дегендей эшикке чыгып келип жатып алды. Эмир сүйлөбөдү, ал атасынын сөзүнө ынанып, туура көрүп турду: "биерде болсо кайра ичип кетет, алып кетсе экен" деген ойдо. Эне бала көпкө чейин кужулдашып жатып унчукпай калды. Түн бир оокумда Света ордунан турду да, сыртка кийинип чыгып Шекербекти көздөй жөнөдү. Ал азыр негедир төшөк ойунун эңсеп, анын алп кучагын эстеп кетип жатты. Ушул заңгыраган алты бөлмө үйдөн да анын арак жыттанып, көңүл ирээнжиткен иретсиз чаңга толгон үйү көздөн учуп шыпылдай тез-тез кадамдап баратып: "чоңойгон бала ачуусу менен экөөңдү тең өлтүрүп койсо эмне болот" деген апасынын сөзүн эстеп: "ырас эле ишенич жок, таң ата электе баса берем" деген чечимге келди. Света келгенде Шекербектин үнү чыкты:

- Ким?

- А сен кимсиң, ач!? - Света өкүм үн катты.

- Ким керек сизге? - Эшик ачылып босогодо өзүн карап турган ич көйнөкчөн өзүнөн алда канча жаш келинди көрүп Света аны түртүп ичке кирди.

- Ой Шекербек, бул эмнең ыя, мен сага ишенип жүрбөйүнбү? - деп көздөрүн чо-оң, чоң ачып ирмегилей суроо узатты.

- Сен эмне менин никелеп алган аялым белең, - ал мыскылдуу жылмайды, - мынабу бар, сенден бөлөк канча аялга баркым бар экенин билесиңби, - Шекербек шымынын жанжерин айтып күлүп койду, - Күйөөсүнөн ырахат албаган аялдар келип турушат, - деп каткырып койгондо Светанын күйбөгөн жери күл болуп кетти.

- Акма-ак!

- Кел андан көрө экөөңдү тең жыргатам!

- Уятсыз! - Света өз күйөөсүн кызгангандай кыйкырып ийди, - Сенин мындай экениңди билгенде… - артына бурулуп чыга жөнөдү, ыйлап да алды, - Мен буга ишенип жүрбөйүнбү?!

Света ойунда Шекербекке ата-энесиникине барып бир айдай убакытта келип калаарын айтып, анын кучагында ырахатка батып бир-эки саат жатып келгени келген. Ысып күйүп анын кучагын эңсеген деми сууп заматта көңүлү калды. "Абалкан чынында эле адам турбайбы, анын кадырын билбеген мен айбан, эми ал мени кечирбейт го, мурдагыдай болбойт чыгаар" деп өз кылыгына эми жини келе баштады. "Аялдын чачы узун, акылы кыска" деген чын экен да, мени өлтүрөөр адам жок" деп үйүнө келди да төшөгүнө жатып калды, таң атканча Шекербектин айткан сөздөрү кулагына кайра-кайра угулуп уктай албады…

Эртең менен чай ичип бүткөндөн кийин кийим-кечесин чогултуп баштыкка салды да үндөбөстөн апасы менен жөнөп кетти. Абалкан аларды узатып койуп жеңилдене шуу эте үшкүрүп алды. Оор жүктөн кутулгандай болду. Эмир мектептен келип апасын сурабай таенесин сурады:

- Таенем кеттиби, ата?

- Ооба, экөө кетишти!

- Жакшы болуптур, - Экөө кобурашып отуруп чай ичишти. Эмирдин да кабагы ачылып, мектептеги жаңылыктардан айтып берип күлүп отурушту. Абалкан уулунун сөздөрүнө тойбой, улам "дагы" деп койуп ыракаттана отура берди. Ата баланын көптөн бери чер жазыша күлүп сүйлөшүшүп отурушу бүгүн. Качандыр бир кезде Абалкан Светанын айынан күм-жам болуп келбес дүйнөгө аттанаарын, бири атасын жоктоп энесин жек көрүп, өмүр бойу жүзүн көрбөс болуп кек сактап калаарын сезбей жадырап жайнап отурушту…

**** **** ****

Данияр дале сүйүп алган жарынын айтканы менен болуп, дегенин аткарып бактылуу жашай берди, өзүн өзү бактылуу сезген менен көргөн адам аны арсыз деп ойлоору шексиз эле. Мариям ага ашыкча эркелеп:

- Данияр, кечээ врачка барсам колуңду сууга салба дейт, мен болсо ансыз деле суу кармабайм деп айттым.

- Эч кыйналба жаным, менин периштем, ак куум! - Данияр уулун кучактап өөп анан Мариямды кучактап алып кийимин чечип денесинин чолоо жерин калтырбай өөп атты:

- Жаным десе, уулум экөөңдү оорутпай өзүм карайм, - деп эркелетип анан суу ысытып жалаяк менен Мариям экөөнүн кирин, өзүнүкүн кошуп жууганы атканда Сейилкан келип калды.

- Кандай уулум, уулуң жатабы, Майраш жакшыбы? - Ал эшиктен эле Данияр менен учурашып жатканда Майраш уктамыш болуп жатып калды.

- Жакшы апа, Майраш ооруп атканынан эле кирлерди жууй койойун деп… - Данияр ыңгайсыздана тура калып үйгө кошо кирди.

- Эмне ооруп атат?

- Кечээ врач аны колуңду сууга салба дептир… - Аңгыча үйгө кирип келишти.

- Майраш кандай балам, денсоолугуң жакшыбы айланайын, - Сейилкан отура калып небересин колуна алып эзилип кетти, - ий - ий быйпыйган мурдуңдан садага кетейин десе, кимге окшошуп калган деги?

- Келиңиз таеже, өзүңөр кандай? - Мариям жаткан жеринен өйдө болуп Сейилкан менен учурашты. Данияр болсо чай койуп, дасторкон жайып тапкан ташыганын койуп атты. Аны көргөн эне жүрөгү сыздап: "олдо курган балам ай, атасынын айтканы чын экен да, муну ханышадай эле эркелетип карап, ойдогусун аткарып… эзели эңкейип иш кылбаган жаны үй оокатка, аял жумушуна көнгөн экен" деп ойлонуп отуруп калганда Данияр:

- Апа чай ичиңиз! - деп анын ойун бөлүп жиберди.

- Ээ Майраш сен эми биздин бүлөбүзсүң, кыз келген жерине кызмат кылат, тийген күйөөсүнүн ата-энесин ата, апа дейт, тайжездең капа болуп жатат, карыганда жалгыз уул-келиним бөлөк жашап, неберемди менден алыс чоңойтуп, деп… - Ал уул-келинин карады. Мариям унчукпады.

- Апа, биздин бөлөк эле жашаганыбыз жакшы го, небереңерди кичине чоңойсо беребиз, ал силердики! - Данияр Мариямды эмне дээр экен деген ойдо апасына өзү жооп бере салды.

- Данияр, сен кызыксын го, баланы бергенде эне-атаны билбей таежелерди ата, апа деп бизди жээрип калат да, небересинин чоңойуп жатканына шүгүр дешсин… - Мариям кабагын сала үн катты, - мен уулумду бербейм, акыры чоң энесинин небереси да?!

- Кой Майраш, антип өзүм билемдикке салба, бизди ата, апа деп үйгө көчүп баргыла, мен атаңардын нааласына калып тажап бүттүм! - Сейилкан өктөм сүйлөдү, - сен эми бизге келинсиң, келин келген жерин сыйлайт, угат.

- Апа, ата, апа дебегенде эмне болмок эле, дагы бир-эки балалуу болгондон кийин Майраш өзү деле уялганынан айтат да!? - Данияр аялынын көңүлүнө карап аны кубаттай сүйлөдү, - Жаштык кылып атат, дагы бир-эки жылда кагылып калат, азырынча…

- Эмне азырынча? - Сейилкан ачуусу келе уулун карады, - мына бирди төрөдү, келгенине эки жылдай болуп баратат, эмне бизди тоотпогонубу ыя, сен болсо турсийинен өйдө жууп жатасың - ошого биротоло көнүп алып төбөңө чыгып, бизди каакымча көрбөй атат да!

- Таеже, андай эле жакпай калсам азыр да кеч эмес, балаңарга каалаганыңызды алып бере берсеңер болот! - Мариям мисирейип туруп айтканда Сейилкан селдейе уулун карады.

- Апа, силер менин турмушума кийлигишпей эле койгулачы! - Данияр да жиндене ордунан туруп сыртка чыгып кетти. Эмне дээрин билбей ордунда отуруп калды. Мариям: "эмне десеңер ошо дегиле, балаңар өмүр бойу алдымда кул болгону кул болгон, өзүңөргө кылдыңар, уулумду да карматпайм" деп ойлоп Илгиздин жалаягын которуп эмизип отуруп калды. Айласы кеткен Сейилкан: "эми Касенге эмне деп барам, ал менин кулак мээмди жейт, сенин кылганың деп, олда кудай ай, бу мисирейген желмогуз өчөшүп жатат окшойт, окуйм деди эле окута койбодук, Курман дагы төркүлөтпөй койдуңар деп таарынып жатат, кой андан көрө муну төркүлөтүп келели, анан ийигээр" деп аргасыз кичинекей наристени Мариямдын алдынан алып өөп ордунан туруп кетүүгө камынды. Кетээринде ал кайрылып:

- Майраш, сени төркүлөттү кылып барып келели, Курманга телефон чалалы, качанкыга дейсиң? - деди эле Мариям таежесин кубана карады:

- Чын элеби, өзүңөр билгиле, силер качан баралы десеңер мен макулмун!

- Анда мен атаң менен кеңешейин, эртең келип жообун айтам, - деди да чыгып кетти. Ал кеткенден кийин Мариям уулу менен сүйлөшүп жатты:

- Уулум, тайкеңе барабыз жакында, анан сен чоңойгуча келбейбиз, билесиңби уулум, мен айылды, үйүмдү, акемди аябай сагындым, - ал жаш баласы менен сүйлөшүп жатып ыйлап алды, - атаңды жаман көрөм, сен андай болбойсуң ээ? - Ошол кезде сырттан Данияр кирип келди.

- Уулум сени менен сүйлөшүп атабы, - ал Мариямдын жанына отуруп Илгизди колуна алды да, - уулум, сен чын эле мени тартпагын ээ, апаң туура айтат, бирок эч качан таякеңдикинде жүрбөгүн, мен сен жок билесиңби өлүп калам, - деп эми гана көздөрүн ачып шоола издеген, жарыкчылыктын абасынан дем алып, жашоо деген мыйзамдын астанасын аттаган наристенин ууртунан өөп койду. Мариям ичинен: "менин айтканымды угуп койгон тура, мага эчтеке дей албай балага айтып жатканын кара, байкуш бир кездеги кылган кылмышы үчүн коркок билиш болуп атат да болбосо… " деп унчукпай отурду.

- Данияр, - деди көптөн кийин гана, - чын эле биз айылга барабызбы?

- Апам айткандан кийин барабыз, андан көрө менин айлыгым тийсе кийинип алалы, айылдагылар кыз-күйөө келди деп учурашканы келсе зыңкыйып көрүнөлү.

- Кийимдин эмне кереги бар, андан көрө Курман акеме, жеңем менен балдарга алыш керек! - деди Мариям чойоктой.

- Аларга деле алышат да, а биз өзүбүздү жасашыбыз керек!

- Ой мен башынан суйкайган сулуу катары деле болгум келген эмес, деги эле бирөөгө жамандык каалабайм дагы, каалаган да эмесмин, жеңем байкуш үч бала менен кыйналып жатат го?

Экөө бир бирине өйдөъылдыйды айтып, бир пикирге келе албай жатышып акыры апасынын жообу келгенден кийин чечмек болушту. Мариямдын ойуна койсо Данияр менен такыр эле жашагысы келбейт, адегенде таежесин аяп жүргөн, эми аны да ойлобой калды, алдыдагы өз тагдырын, жашоосун эмнегедир эле башкача элестетип туруп алды. Эртең эле келем деген таежесинен дайын болбогондон кийин анын үмүтү өчүп ого бетер аларга өчөшүп алды: "Тайжездем каршы болуп жаткан экен, болбосо таежем келип калмак байкуш" деп ичинен кайнатасын жек көрүп туруп алды. Бирок Даниярга эч нерсе айтпайт, ачылып сырын төкпөйт, өзү сүйлөсө жооп берип койуп ойго чөмүлүп отура берет. Ошол күнү ал төшөктөн тура элек болчу, түнкү көйнөгү менен жаткан. Эшик тыкылдаганынан ордунан тура босого жетти:

- Ким?

- Мен… - Элмар, Даниярдын досумун, - сырттагы үн токтоо угулду.

- Аа-аа, - Мариям өзүн ыңгайсыз сезе эшикти ачкысы келбей жооп берди, - Ал үйдө жок, жумушуна кеткен!

- Аяш, эшикти ачсаңыз, учурашып койолу.

- Азыр… - Мариям ичкери кирип үстүнө халат кийип чыкты да эшикти ачты, - Келиңиз!

- Келдим аяш, кандай денсоолуктар, уулуңар чоңойуп жатабы?

- Рахмат, чоңойуп атат, өзүңөр кандай? - Мариям аны тике карай албай көздөрүн ала качты, - биз тура элек болчубуз, үйгө кир дегенден уялып атам, - ал жылмая сылык айтты муну.

- Эч нерсе эмес аяш, - шыпылдай көздөрүн ойноктотту Элмар, - "кел дебеген үйдөн кетмендеген көр жакшы" дегендей, досумдун үйүнө келсем үйгө кирбей босогодон кеткеним болбойт го?

- Ий-ий, - Мариям не дээрин билбеди, тек бир көрүп кыялында жактырып калган жигитти өзү деле кетиргиси келбей турса да "үйгө кир" деп айтуудан тартынып турду. Үй ичи чачык, төшөктөрү жыйылбаганынан "илээнди келин тура дейт го" деп ойлонду. Бирок аргасыз аны үйгө киргизип даам сыздырууга ниеттенди. Элмар Даниярдын жумушка кетээрин билип турса да атайын өңдүү түстүү келинге көзү түшүп калгандыктан ага келген эле.

- Кирип даам ооз тийиңиз, - Мариям үйдү көздөй алдыга басып төшөктөрүн жыйыштыра койуп нан койду. Жайланышып алган Элмар аны көз кыйыгынан сынай карап отурду, дасторкондогу нандан ооз тийген менен кетээр ойуу жок аркыл сөздөрдү тамашага чалып сүйлөп атты.

- Ээ аяш, эркелетип багат окшойт менин досум, кандай бактылуусуң, - ойлоно түшүп, - Данияр да бактылуу жан экен, жумуштан келсе сулуу аялы баласы экөө күтүп турса, андан өткөн бакыт жок эмеспи адам баласына, - деп улутунуп алды.

- Ии-ий, - Мариям сумсая жооп берди, - ар ким бакытты ар кандай түшүнөт… бакыт деген менин ойумча такыр башкачадыр…

- Эмне сиз бактылуу эмессизби же ушул бакыт сизге аздык кылабы?

- Мүмкүн… - ойлуу, - мүмкүн бактылуудурмун… сизге биздин бактылуу же бактысыз экенибиздин эмне кажети бар?! - сүйбөгөндөй сүйлөдү Мариям.

- Кечирип кой аяш, досумдун бактысы менин бактым, биз жолдош гана эмес доспуз, дос менен теңтуштун айырмасы бар да!?

- Рахмат сизге, - Мариям кеткенге шашпай жай отурган Элмардан уялганынан чай койду. Экөө тең бир топко үнсүз өз ойлору менен алек болуп отурганча чай кайнап Мариям чай демдеп алып келип чыныга куйуп сунуп жатканда Илгиз ойгонуп ыйлап калды эле аны менен алек болуп калды Мариям. Ошол арада өзүнөн көзүн албай карап отурган Элмарга таң калып, өзүнчө андан тартынып да атты: "эмне эле мени карайт, абдан кыраакы экен, мени сынап сурап жаткан го?" деген ойдо баласын кургактап койуп чай куйуп өзү да ичип отуруп:

- Чайдан ичиңиз! - деди аны түз карай албай. Анткени анын капкара көздөрү карегин жалтантып, оттуу көздөрү жүрөккө сайылган канжар болуп көздөрү тиктеше калгандай зырп этип кетип жатты.

- Майраш, - Элмар аны карап күлүңдөй суроо узатты, - эгер менин суроом катуу тийбесе бир суроомо жооп ала аламбы?

- Сураңыз, ылайыгы болсо жооп берейин.

- Сиз Данияр менен сүйлөшүп баш коштуңуз беле?

- Жок! - Мариям дароо эле айта салды, бул суроонун жообу экөөнө кандай тагдырды алып келээрин ойлободу, - экөөбүз бөлө болобуз.

- Аа-аа, - Элмар ойлонуп бир аз отуруп анан, - рахмат аяш, чындыкты айтканыңызга, деги Даниярды сүйөсүзбү? - деп жарга такагандай дагы сурады.

- Анын сизге кереги жок го дейм, менин турмушумду чечмелеп билгиңиз келип турса ачык айта койуңуз?! - Мариям ызалуу анын көздөрүнө тике карады, - Мен эч кимди сүйбөйм, сүйгөн да эмесмин уктуңузбу??? - ал көзүнө келе калган жашты көрсөткүсү келбей ордунан туруп баласынын жанына барып кымтылай кетти.

- Кечирип кой аяш, орунсуз сурап койгонум үчүн, - Элмар өзүн ыңгайсыз сезип ордунан турду, - Мен кетейин, негизги суроомо жооп алганым үчүн мен бактылуумун! - деп өзүнчө күбүрөнүп эшикти көздөй басканда Мариям үнсүз муңканып ыйлап отурган бойдон кала берди. Качан гана Элмар сырткы эшиктен чыгып каалга жабылганда ордунан туруп барып илгичти илип алды да баласынын жанына жатып алып буркурап боздоп ыйлап жатты: "деги мен бул жашоодо сүйүү эмне экенин билбей өтөм го, менин да бирөө менен сүйүүнүн даамын татууга акым барбы, же мени эч ким сүйбөйбү, менин да жүрөгүм каалаган адам менен бир чыны чайды сунуп жаркылдап отураар күнүм болоор бекен? Жалаң ушунун мага жасаган карөзгөйлүгүнүн айынан корунуп жүрүп ушуга туш болдум. Данияр үчүн менин жүрөгүмдө кымындай да орун Жок-жок, , жок!!!" деп бакырып ыйлай берди. Түш оогондо гана кардынын ачканын сезип жуунуп, өзүн ирээтке келтирип үйгө кийчү халатын кийип алып тамак жасап ичкиси келип газды жандырды: "Тобо-оо, биздин жашообуз менен анын жумушу эмне, менин Даниярды сүйөр-сүйбөсүмдү эмнеге сурайт" деп кайрадан Элмардын өзүнө жарашыктуу бойун, келбетин, жарашыктуу жылмайганын көз алдына келтирип алды: "эркектерге мындай сулуулуктун эмне кереги бар, ансыз да каалаганын жасашат, кыздар сулуу болсо да жаман, сулуу болбосо андан өткөн азап, сүйүп турса да айталбай, арманда калышат, сулуу эркектер туруксуз келет дейт го сүйүүгө, ушуга чейин канча кыздын убалына калып, канча кызды тамшандырды экен" бул ой мээсин аралап өткөндө Элмарды кызганып алды: "азыр соо жүрөт дейсиңби, дагы бирөө менен жүрөт да, гүлдөн гүлдү тандаган аарыдай болуп" деп аны кимдир бирөөдөн кызганып кетти. Тамагын ичип алып уулун эмизген бойдон көзү илинип кетти.

Данияр жумуштан кеч келди, Мариямдын тамак жасап койгонун көрүп кудуңдап алды.

- Ээ жаным десе, көпөлөгүм менин, менин ырысым, сени сүйүп калган жүрөгүмө миң мертебе ыраазымын! - Ал аялын эркелете жанына жатып алып кумарлана өөп жыттап ага катар бейкапар уктап жаткан уулун мурдунан аяр өөп бактылуу, - Майраш деги сен бактылуусуңбу жаным? - Даниярды селт эте караган Мариям бир топко үнсүз туруп Элмарды элестетип, анын сулуу өңүн Даниярга салыштыра: "бул андай сулуу эмес, байкуш желпилдеген, сүйүүнүн эмнесин билет имиш, өмүр бойу алдымда чарк айланып кул болсоң да сени сүйүүгө кудуретим жетпесин кандай түшүнбөйсүң" деп купуя муңканып жүрөгү канап турду, - Айтчы Майраш, мен сенин өз оозуңдан сүйөм деген сөзүңдү угуп бакытка бөлөнөйүнчү?! - десе да үндөбөдү. Анын мисирейип үн катпай карап турганына ичинен жини келди, бирок аны ачуу менен багындыра албасын билген соң уулунун жанына жатып алып шыпты тиктеп: "ушунча мерес беле, Жок-жок, али жаш да, акыры баш ийбей кайда бармак эле" деп ойлонуп атты.

Арадан эки күн өткөндө Мариям эшикте жүргөндө Элмар дагы келди, ал бул жолу колуна бажырайган гвоздика гүлүн көтөрүп жылмая келип гүлдү суна:

- Аяш, сумсайбай мобул гүлдөй болуп бажырайып жүрүңүз, деги эле сизге сумсайып, кабак бүркөгөн жарашпайт экен, - деди.

- Мунун эмне кереги бар эле, Данияр эмне дейт? - Мариям анын колунан гүлдү ала шагын сындыргысы келбей жай, токтоо сүйлөдү, - бекер убара болуптурсуз…

- Ой аяш, сиздей аяш үчүн дүйнөнү түгөл кыдырып мүрөктүн суусун тапсам да аздык кылат, баягүнкү күнөөм үчүн кечирим сурайын деп келдим.

- Эмнеге, мен аны алдагачан эле унутуп койгом, сизге рахмат! - жылмая караган Мариям бул жолу аны айттырбай эле үйгө жол баштады, - Кыз келинди абдан сыйлайт окшойсуз, кандай бактылуу болду экен аялыңыз… - Мариям гүлдү жыттай терезеге койуп банкага суу алып келди да гүлдү салып койду: "бул менин жүрөгүмдөгү адамымдан алган баалуу белегимдин эң биринчиси" деп гүлдү тиктей телмире туруп калды.

- Аяш, эмнеге ойлонуп калдыңыз, бир азга сүйлөшүп отуралы келиңиз, - буйдала калып кайра сүйлөдү, - Данияр жокто келип жүргөнүмдү кечирерсиз?

- Аа-аа эчтеке эмес… - Мариям ойлуу ары жакта турган чайнекти көтөрүп чай койгонго аракеттенди эле ага Элмар болбоду:

- Жок аяш, чайды тим эле койуңуз, жөн сүйлөшүп бир аз отуралычы, - ал Мариямды көздөрүн жалжылдата карады, - менин аялым жок.

- Кой чай ичип кетиңиз, эмне ажырашып кеттиңиз беле?

- Аяш, андан көрө отурсаңыз, - Элмар көпкө ойлонуп олтуруп калды, анын маңдайында Мариям дагы өз ойу менен алышып атты: "деги бул эмнеге эле келип калды, бактымабы же шорумабы?" телмирип отурган анын ойун Элмардын үнү бузду:

- Майраш… чынын айтсам сени көргөндөн бери түн уйкумдан, күндүзү тынчымдан кыйналып жүрөм… Ооба-ооба, туура эмес дечи, бирок менин ички сезимим, жүрөгүм тынч алалбай… - Мариям анын сөзүн бөлүп жиберди:

- Эмне деп жатасыз, мени эмне жаш баладай ишенет деп турасызбы? - анын көздөрүнө заматта жаш пайда боло буулугуп сөзүнүн артын айтууга кудурети жетпей жашка мууна түштү, - досум деп жүрүп ушинткениңиз кантип болсун?

- Майраш, капа болбой сөзүмдү угуп койчу, эгер сен кабыл албасаң кете берем, сөзүмдү, жүрөктөгү кусамды айтып алайын… - Элмардын дал ушул тушта көздөрүнө жаш тегерене түштү, - түшүнчү мени, жакшы эле чыдап, унутууга аракеттенсем да, эрким жетпеди, аргасыз алдыңа келип көкүрөккө батпай бараткан арманымды төгүп олтурам, Мен сенсиз жашай албайт экенмин Майраш! - ал Мариямдын алдына чөгөлөй калып колдорунан өпкүлөп жиберди. Мариям көздөрүн жумуп, түш көрүп жаткандай, нез боло көздөрүнөн аккан жаш жүзүн жууп, моло таштай катып үнсүз тура берди. Ал ушул кез ар мүнөт жарк деп кирип келээрин күтүп жүргөндөй, жүзүнөн ылдый аккан жаш жаанда гүлдүн үлбүрчөгүнөн аккан тамчыдай аны ого бетер сулуу да, назик да көрсөтүп турду. - Майраш жаным, мени угуп жатасыңбы? Эгер мени азыр кууп чыксаң анда биротоло жоголойун, ээн талаа эрме чөлдү кыдырып торгойчо жер кезип, булбул болуп "Майрашым" деп боздоп, сүтак болуп түн катып сайрап кетейин… - Элмар анын үнсүз селейип, мончок жашын төгүп турганын көрүп, өзүнө кайдыгер эмес экенин сезди, - Асылым менин, неге тагдыр бизди кеч жолуктурду, биздин сүйүүбүз сөзсүз өз жемишин берээрине ишенем. Жаным, - бир азга Мариямды карап туруп анан ойлуу өйдө болуп анын көздөрүнө тике карады, эки ийинден ала, - Майраш, сен Даниярды сүйүп жүрбө, аны кыя албай турсаң анда арга жок, көңүлүмдү калтыра урушуп койчу садага, сенден биротоло сууп көз көргүс, кулак уккус жакка кете берейин? - Мариям үнсүз баш чайкап шыбырай сүйлөдү:

- Сүйүүнүн ушунчалык керемети күчтүү сезимди арбап алган касиеттүү экенин сезбей жашап жүргөн мен байкуштун багына жолуктуң бекен же шорумабы, азабымабы?! - алсыз шыбыраган сөзү, жалжылдаган жаштуу көзү менен баарын түшүндүрүп койду белем, Элмар сүйүнүчтүү аны жерден так көтөрүп ала койуп жүзүнөн өпкүлөп жатты:

- Экөөбүз бактылуу болобуз жаным, бир бирибиздин багыбызга жолуккандырбыз, жүрү ээрчишип алып кетип калалычы, ак сүйүүнүн аруулугун дүйнө кыдырып жар салалычы, сүйүшкөндөр деп элге аңыз кеп болуп, акындар ыр жазгыдай, дастанчылар, сөз чеберлери курагыдай бололучу, Ансыз да бул жалган жашоодо көңүл каалабаган адамдар менен өмүр сүргүчө бир жарк этип чагылгандай чартылдап сүйүүбүздү даңазалайлычы.

- Кантип, менин балам бар эмеспи? - Мариям токтоо, дале мостойуп туруп сүйлөдү, ал азыр эле колуна конгон кушу пыр эте учуп кетип, башына келген бактысы кайрылбай басып кетчүдөй аргасыз айтты.

- Уулуңду алып алабыз, эч ойлонбочу асылым, макул дечи, мен эртең эле экөөңдү алып кетейин? - Мариямды бекем кучактап алып өпкүлөп киргенде гана баятан бери тоңгон музу эригендей эки колу кыймылга кирип Элмардын мойунуна арта салды, көзүнүн жашы ого бетер төгүлүп, жүзүнө билинээр билинбес жылмайу кирди, анын азыркы сүйүүсүнүн көз жашы эле… Алар кучакташып канчага турду ким билет. Сырткы эшик ачылганда гана бөлүнүп Мариям турган ордунда селейди, Элмар шарт бурулуп чыгып бараткан болуп эшикке караганда алдынан Сейилкан чыга калды. Ал кирип эле Мариямдын жашы кургай элек көздөрүн көрүп чоочун жигитти суроолуу карады: "тим эле көздөрү жайнаган сулуу жигит экен, бул кайдан жүрөт" деп ойлоно калды да:

- Бул ким? - деди жактырбагандай түр менен.

- Аа-аа, ал Даниярдын жолдош баласы экен, аскерде бирге болуптур… - Мариям дароо жооп бере салды.

- Апа, мен Данияр менен аскерде бирге болгом, өткөндө келип кеткен элем, жумуштар менен келип кайра кетип жаткам…

- Ошондой, уулумдун досторун таанычу элем… - Сейилкан көңүлү жайлангандай айтты да ага бурулду, - чай-пай ичтиңби айланайын.

- Жок апа, мен шашылыш элем, - Элмар нан ооз тийди да чыгып кетти. Ал кеткенден кийин келинине карады:

- Ой бул чын эле Даниярдын жолдошубу же.. ?

- Ооба, эмнеге калп айтмак элем? - Мариям ойунда "эмне кылып алмаксыңар, менин да сүйүү ырахатын сезүүгө акым бар да, алдымдан чыгып башымды кыя чапсаңар да мен Элмар менен кетем" деп ойлоп турду ичинде.

- Данияр келгенде сурап көрөйүнчү! - Сейилкандын жүрөгү бир нерсени сезгендей түпөйүл боло сөзүн башкага бурду, - Баса мен айылга барганга камынып койуп келдим…

- Таеже, мен азыр ооруп дарыланып жатпайынбы, бул жума койо туралы, анан кийинки жумада деле барабыз, - Мариямдын ойу онго бөлүнүп, өзүнөн өзү калтырап кетти, - дарыланбасам болбойт го?

- Апей ботом, Касенди зорго көндүрүп, баарын даяр кылып койбодумбу, эртең боорсок бышырып сойушту сойуш керек да.

- Койо туруңуз, үч-төрт күндөн кийин бүтөт менин уколум.

- Эми мейли, дарылансаң дарылан, сойушту сойбой турабыз. - Сейилкан Мариямдын күндөгүсүнөн башкача болуп турганын көрүп: "ооруп жатканы чын го, өңү башкача кумсарып калыптыр" деп ойлоп боору ооруп калды, - Эмдиги дүйшөмбү күнү өзүңөр ээрчишип келип калгыла, боорсок жасап, койду сойуп жөнөйлү.

- Макул… - Мариям эс ала түштү. Сейилкан үйүнө кеткенден кийин ал шуу дедирип үшкүрүнүп алды да эртеңки жолго алчу кийимдерин даярдап жатып: "баланы таштап кете берейин, алып алсам кыйналып калат, жолдо ооруп калбасын" деп уулун алып эмизип отуруп улам ууртунан өөп, жыттап:

- Күчүгүм десе, мендей эси жок энеңди кийин түшүнүп кечирээрсиң, аман-эсен чоңойсоң болду… - деп көзүнүн жашын төгүп атты. Кеч кирип Данияр жумуштан келгенде күндөгүдөн башкача болуп чай койуп, тамакты куйуп келип берип жанына отурганда Данияр аны кубанычтуу карап:

- Жаным менин, дайым ушундай болуп жүрчү, макулбу? - деп аны эркелетип атты, - уулум экөөң маңдайымда ушинтип эле жадырап-жайнап жүрсөңөр мен бактылуумун!

- Бизди айылга алып барып таштап келесиң ээ, бир ай жүрүп келели? - Мариям калп эле андан суранып койду, - уулум экөөбүз тайкесине барып жүрүп келели.

- Макул алтыным, не десең баарына макулмун, - Экөөнүн ортосунда тарбалаңдап, эки жакты караган үч айлык наристени эртең ушул маалда безилдетип эмне кылаарын билбей аргасы кетип ачуудан кылмышка бараарын кайдан билмек, ушул кез өзүнчө бактылуу болуп отурду. Эртеси жумушка кетип жатып негедир бир нерсени сезгендей жүрөгү түпөйүл болуп кетти. Мариям кийинип, жолго кете турганга даяр болуп Элмарды күтүп жатты. Көп кечикпей ал да келип экөө кеңешип жолугушканга бир жерди болжоп койуп дароо эле чыгып кетти. Мариям улам уулун карап койуп эмне кылаарын билбей көпкө айланчыктап: "жалгыз таштап кетсем Данияр келгенче боору катып калбасын" деп ойлонду да коңшусунун тестиер кызын ээрчитип келди:

- Мен бат эле келем, сен ыйлатпай карап тур ээ?

- Макул, - ал баланы колуна алып ымыркайды көтөргөнгө кызыгып алып калды.

- Эгер мен кечиксем, тигил жерде сүт бар, ысытып берип кой, макулбу?

- Ооба, - дегенде Мариям уулун дагы бир өөп, жыттап алды да чыгып кетти. Ал кетээри менен Сейилкан келип Мариямдын кайда кеткенин билбей таң калып кичинекей небересин тиги кызга ишенбей өзү карап калды. Кеч кирди, ал жок, аңгыча Данияр жумуштан келди.

- Майраш кана? - ал апасынын баланы алып отурганын көрүп элейе сурады.

- Билбейм, эртең менен келсем жок экен, коңшунун кызына таштап кетиптир баланы.

- Койчу, ошол бойдон жокпу?

- Ооба, келеби деп күтүп отуруп кеч кирди, кайда бараарын айткан жок беле?

- Жок, эч нерсе деп айткан эмес, - Данияр жаман абалда туруп калды: "кайда кетиши мүмкүн, биерди жакшы билбейт" деп ойлонуп турганда Сейилкан аны тынчтандырууга аракеттенди:

- Өйдө өт балам, ушу сенин жакшы мамилеңе түкүрүп бир жакка кетсе ага кудай бардыр… - ойлонуп калды да көптөн кийин; - Балам, сенин аскерде бирге болгон досуң бар беле? - деди.

- Эмне болду?

- Кечээ үйдө экен, мен келээрим менен кеткенче шашып калды, мен болбой чай ичип кет деп токтотконума болбоду.

- Ким деген экен?

- Элмар деди го атын.

- Аа-аа ал эмнеге келиптир?

- Ким билет, мен келгенде кеткени атыптыр, сага жолукканы келгем дейт.

- Менин жумушумду билет да, үйгө эмнеге келди экен? - кыжалаттанып өйдө-ылдый басып ачуусу келип чыкты, - мен анын иштеген жерине барып келейин, эртең менен.

- Капырай, ошол досуңда бир сыр бар, Майрашты азгырган го?

- Эгер ошондой болгон болсо экөөнү тең өлтүрүп анан өзүмдү да өлтүрөм, катыны чанып кеткен деген сөзгө калып тирүү басып жүрбөй эле койойун, - Данияр тишин кычырата жинденди.

- Ок, антип өчөшкөн болбойт, - ушул учурда Илгиз ыйлап калды, - жана кичине сүт бердим эле… карды ачты окшойт. - Сейилкан бала менен алышып жатып Даниярдын сыртка чыгып кеткенин байкабай калды. Негедир бала ыйлаганын токтотпой безилдей берди. Эмне кылаарын билбей Сейилкан көтөрүп ары-бери үйдүн ичинде "алдей, алдей" деп убараланып атты: "капырай ушунчалык мерес экен го, жаш баласын таштап кеткени эмнеси, Данияр кайда кетип калды?" деп ойлонуп көпкө күттү да үйдү кулпулап баланы көтөрүп алып өз үйүнө жөнөдү. Ал келгенде Касен эшикте жүргөн.

- Ой сен эмнеге кечиктиң, - баланы көрүп чоочуп кетти, - баланы эмне алып келдиң?

- Майраш жок, мен барсам коңшусунун кызына таштап кетиптир, аны келет деп күтүп отуруп кеч келдим.

- Данияр кайда экен?

- Ал жумуштан келип эле издейм деп кайдадыр кеткенин билбей да калдым, бала ыйлаганынан алаксып калдым.

- Ушундай болоорун билгемин, балаңды эч жакка жибербей койсоң болмок экен… - бир жамандык болчудай кабатырланган экөө ээрчишип үйгө киришти.

- Эми бул баланы кыйнап албагай элек, өзү чай-пай ичет бекен деги?

- Сүт ичип атат, эртеден бери энесин издеп эле ыйлап жатпайбы, болбосо жоош эле… - Сейилкан небересинин ууз жытын искей эзилип алды, - Ботом, мерестигин кара, ушу баласына карабай…

- Аның ошону кылмак, бир шойком болбогондой эле, ачуусу менен экөөнү таап алса… - Касен кыжалаттана кыңкая отуруп калды.

Алар өздөрүнчө жалгыз баласынын тагдырына кейип отурганда Данияр жинденип Элмардын иштеген жерине түндөп жетти да вахтёршадан Элмардын дарегин сурап алып такси менен жетип барды. Элмар квартирада турчу. Тез эле таап алды да эшигин такылдатканда көпкө чейин эшик ачылбады, бир топто гана Элмар:

- Ким? - деди босогого келип.

- Ач, кимди эмне кыласың! - Даниярдын жиниккендей ачуулуу үнүнөн улам ал делдейе түштү. Кайра тымтырс болуп калганда Данияр эшикти тээп кирди, - Азыр ачпасаң талкалап кирем, сыйың менен ач, алдагы жалаптын терисин тирүүлөй сыйырбасамбы?!

- Данияр досум сен эмне деп атасың, клйучту таппай атам, азыр ачам! - Алар ушу тушта бири кан ичкендей кумсарып, бири алда неме болуп кетчүдөй үрпөйүп калышты. Мариям коркконунан кийимин кийди да Элмардын айтуусу менен терезеден чыгып кетти. Элмар бир кезде эч нерсе болбогондой эшикти шалдырата ачкыч салып ачканда Данияр күч менен каалганы ачты да кирип барып бөлмөнү, дивандын астын, шифонерди ачып карап эмне кылаарын билбей туруп калды.

- Данияр, сага эмне болду, учурашпай эле… - Элмар ага таң калгандай түр көрсөтө сурады, - тынччылыкпы деги?

- Эч нерсе… - Данияр ага эч нерсе дебестен шарт артына бурулду да чыгып кетти. Элмар да үн дебеди. Анын кайра келээрин ойлободу, артынан чыгып эки жагын карабай таксиге отуруп жөнөгөнүн көрүп Мариямды үй артынан ээрчитип кирди:

- Элмар, бул экөөбүзгө тынч жашоо бербейт, биерден сөзсүз кетели, - Мариям калтырай үн катты.

- Коркпо жаным, экөөбүз ага таптырбай кетебиз, эки-үч күн жумуштан бошонуп алып анан кетебиз, - Элмар өзүн ажал аңдып турганын сезбеди.

- Эгер кетпесек Данияр бизди өлтүрөт, соо койбойт…

- Көрөсүң, экөөбүз бактылуу болобуз, ал эми келбейт. - Экөө көпкө чейин үрпөйүп отуруп жаңы эле чечинип жатканда эшикти катуу-катуу тээп күч менен түрткөндө каалга ажырап сынып калды да Данияр кирип келгенде Мариям дагы терезеге жетип ашып кетти, бирок бул жолу анын кийимдери чачылып жаткан болчу. Кирип келип эле Элмарды жакадан алып туруп бет талаштыра койуп, койуп жиберди, ал жөн калган жок, экөө бири бирин аябастан былчылдатып жатты. Бети-баштары канжалаган экөөнүн бири бирин аяр түрү жок. Бир кезде Данияр Элмарды басып алып:

- Энеңди урайын, сага катын уурдаганды көрсөтөм, ал жалап экөөңдү тең өлтүрүп өзүм да өлөмүн! - деп ургулай берди, бир кезде Мариямдын жоолугун алды, заматта шайы кетип соккудан эси оой түшкөн Элмардын мойнуна жоолукту орой салып муунта баштады…

Мариям жүрөгү түшүп, мууну калчылдаган бойдон коңшу үйлөрдүн бирине кирип кетти. аны издеген менен таба албасын түшүнгөн Данияр жансыз жаткан Элмарды жиниккендей дагы бир тээп үстүнөн аттай чыгып кетти.

Мариям таңга маал турду да кайда бараарын билбей жанындагы акча менен кетип калууну ойлоп, анан кайра Элмардын бөлмөсүнө барып кабар алууну чечти. Таң эрте эки жакты элеңдей караган ал шып кирип келип эле, анын көздөрү чакчайып жатканын көрүп бакырып алды. Эсине келе калып сестейе көзүнө түрмө элестеп, чачылып жаткан кийимдерин жыйнап Элмардын чөнтөгүнөн болгон акчаны алды да, жүгүрүп чыгып такси кармап Бишкекти көздөй жөнөп кетти. Чаң будуңу чыккан заманда ал Бишкекке келип алып, эмне кылаарын билбей жумуш издеп радиоузелде турганда аны бир толугунан келген аял жумуш таап берем деп ээрчитип кетти, тагдырына таарынып эчен-эчен түндөрдү уйкусуз атырды, агасына дагы барбады, атын Мая деп өзгөртүп алды да тагдырдын жазганына көнүп берди…

Данияр ошо түнү таң аткыча кафеде отуруп ичти, аябай мас болуп батирине келип Мариямдын калган кийимдерин бүт өрттөп туруп, өзүн-өзү бычак менен кескилеп атты, эртең менен эрте көңүлү тынбай келген Сейилкан анын кызыл жаян болуп жатканын көрүп тез жардам чакырып ооруканага алып барды. Кан көп кетип калгандыктан аны врачтар кылдаттык менен карап жатышты, жаш бала менен күндө ата-энеси жанында болуп, үчүнчү күнү Касенге врач жолугуп:

- Бир аз кан куйуш керек, кан бере турган эч ким жокпу? - деди.

- Өзүм берем канды, - Касен токтолбой жооп берди. Ал бир аз өзүнө келе баштаганда тергөө жүрүп, Касен болгон аракетин жумшап аны алып калууга далбастап жатты. Бирок, Даниярдын абалы жакшырган менен акылы ордуна келбей "Майраш, Майраш" дей берди. Анын ушул абалын көргөн ата-эненин сай-сөөгү сыздап Мариямды каргап атышты.

Мариямды издеп кичинекей наристени көтөрүп алып Сейилкан Курманга келди. Алар муну укканда эмне дээрин билбей калышты. Алмагүл Данияр жакшы болгуча баланы алып калмай болду. Сейилкан кеткенден кийин Курман Мариямды издемек болду. Ага Алмагүл:

- Чоң шаардан кантип тапмак элең, акыры өзү келээр, Даниярды жактырбаса барбай эле койсо болмок экен, - деп ага боору ооруп турду.

- Чын эле кантип табам, аман болсо келээр, - ойлуу: - ошол Даниярга чала, айбан! - деп ага анча жини келип табалаганына Алмагүл таң калганы менен сурабады. Ошентип кичинекей жээн тагасынын колунда чоңоймок болду.

Сейилкан күнү-түнү Даниярдын жанында болот. Ал өөдүр-дөөдүр сүйлөгөнүнөн врачтар психологко көрсөткөндө нервтен бузулганын, аз-аздап өзүнө келээрин айтышты. Жакшы болуп, жарааттары айыгып калганда үйүнө алып келди, ырым-жырым жасап, жаш баладай карабаса ал башы оогон жакка басып кетип, өзүнчө бирдемелерди сүйлөп жүрө берчү болду.

** ** ** ** **

Тимур бир күнү алтындан буйум жасаган жерге келди. Ал тайтуяк алтындын чекесинен кертип келип акчага алмаштырды. Аны көргөн зергер абдан таң калды:

- Бул накта алтын экен, эгер бар болсо дагы алып кел, баасын эки эсе төлөйм, - деди Тимурга.

- Жок, байке, бул менин ата-энемден калган, алар муну тумар катары, байлыктын кетпей сакталышы үчүн сакташкан, мен акча керек болуп сатып жатам.

- О-о анда ата-энең абдан жакшы турушса керек?

- Жакшы турчубуз, алар кеткенден кийин биз кыйналып калдык.

- Эч нерсе эмес уулум, - зергер Тимурду сынай карап койду. Тимур ал жерден чыгып эле көпкө чейин апасынын атын, жашаган жерин эстей албай көпкө жүрдү. Окууга барды да, үч айдын батир акысын төлөп койуп жалгыз чыгып алды. Өзүнчө бизнес жасап, окуусуна да үлгүрүп жүрүп, ал эч кимге айтпай үй сатып алды. үйдүн салынышы, кооздугу укмуш, баасына жараша жакшы үй болчу. Эгер Дүйшөбай сураса "иштеп таптым" деп айтам деген ойдо бизнесин улантып, сооданы кеңейтип койду. Товарын бүт реализаторлорго берип кечкисин жыйып алат. Дүйшөбай уулу Кайраттан анын үй сатып алганын угуп жетип келип көргөн көзүнө ишенбей турду. "Мынчалык кымбат үй алганга кантип жетишти, мында бир сыр бар" деп сыртынан кубанганы менен, ичинен таң калып турду. Бир жылдын ичинде ушунчалык акчаны кайдан тапты, а менин уулум кандай иштеп таппайт деп бир эсе ичи күйгөндөй, бир эсе өзү багып чоңойткон баланын тың болгонуна сыймыктанып кетти.

- Уулум, ийгилигиң кут болсун, үйүң ак жолтой болсун!

- Рахмат ата, апам экөөңдү төргө отургузуп сыйлайм.

- Кем болбо, уулум, жакшы адам болуп чыксаң эле кубанабыз, - деп жарпы жазыла кубанычтуу карады Тимурду.

Тимурдун жүрөгүн өйүгөн эле апасы "ал кантип жатты экен, күйөөсү менен эмдигиче көп балалуу болуп калды го, мени издеп аябай кыйналгандыр… " деп күнү-түнү ойлонуп бир күнү Ош базарын тегеренип басып жүрүп өткөн күндөрдү эстеп, биринчи качып чыккан күнүн элес-булас эстеп баратып ошол күнү түнөгөн жерин эстей албай кыйналып келип үйүнө жатып калды. Ойлонуп жатып түшүндө да ошол үйдү көрдү. Бирок, түшүндө да таба албай аябай убараланды. Окуусун жакшы окуп кызыл диплом менен аяктады. Өзү сүйлөшүп жүргөн кызга үйлөндү. Ооруканалардын бирине врач болуп орношуп иштей баштады, ал акыры гезитке жарыя бермей болду. Убакыт деген суудай агып балалуу болушту, бул кезде абдан бай адамдардын катарына кошулуп, алтындын арты менен машиналуу да болду. Бир гана өкүнүчү - апасын таппаганы.

Бир күнү ага катуу оорулуу аялды алып келишти. Жүрөгүнөн приступ кармап ооруп турган аял Света болчу, эне-бала бири-бирин таанышпаса да негедир кандайдыр бир сезим аларды жакындатып турду. Тимур ошол жети жашында анын ата-энесинин, туугандарынын аты-жөнү эсинде калбаганына зээни кейиди. Бирок, Света деген атты уккандан кийин бир кезде уккандай болуп ойлонуп отуруп акыры анын энеси Света экенин билди. Анан бир күн ал Светанын жанына отуруп алып:

- Сиздин жүрөгүңүз качантан бери ооруй баштады эле, көп ойлонгонсуз го, ичкиликти көп ичсеңиз керек? - деди тамырын кармап.

- Жүрөгүм ооручу деле эмес, ойлонгонум чын балам, көп жыл мурун жети жаштагы… - деп келе жатканда Тимурдун жүрөгү лакылдап кулагы дүңгүрөй андан аркы сөзүн айттырбай сурап жиберди:

- Балаңыздын ата ким эле?

- Тимур… Тимурум жоголуп кетип ошондон кийин көп ойлонуп ичип да кеткемин… - Света алсыз үн катты.

- Мм - деген Тимур көзүн жумуп жиберди, - Балаңыздын бир белгиси бар беле?

- Жок айланайын, - Света бир азга ойлоно калып, - баса уулумдун оң жак кулак үстүндө тутам аппак чачы бар эле..

- Жакшы… - Тимур ордунан туруп кабинетине барды да көпкө үнсүз ары-бери басып жүрдү: "Азыр айтканда болбойт, өтө алсыз, кубанычты көтөрө албайт" деп ойлонуп, күчтүү укол дарыларды жазып бердире баштады. Күндө апасы келет, башка эч ким келбейт: "күйөөсү эмне болду экен, бар болду бекен?" деген ойдо эртеси обходго киргенде аны сүйкүмдүү карап суроо узатты.

- Күйөөңүз, балдарыңыз барбы?

- Бир балам бар, күйөөм мен көп ичип кеткенимде ата-энемдикине жөнөтүп жиберген, ошол бойдон уулум да мага келбей көп ойлонуп ооруп калдым.

- Күйөөңүз жакшы карачу беле?

- Эмнеге буларды сурап жатасың балам, - ойлуу Тимурдун көздөрүнө карады, - Чынында менде күнөө көп болуп калды, үйгө түнөбөй ичип кеттим, чакан айылда балам менен күйөөм уялганынан баса албай калышты…

- Көп ойлонуп кыйнала бербеңиз, сизди дарылаш үчүн керек булар, кандай жашаганыңызды билишим керек, ооруга адамдын жашоосундагы терс көрүнүштөр да таасирин тийгизбей койбойт, - Тимур ойлуу ордунан турду, - ойлонбоңуз, керектүү дары-дармектерди алып туруңуз! - чыгып баратып Светаны кайрылып бир карап койду. Света жакшы болуп калганда ага Абалкан менен Эмир келишти. Алар менен сүйлөшүп отурганда Тимур терезеден карап турду: "демек келишкен экен.. Байкуш апам мен үчүн кандай гана абалга келген, эне деген башкача зат болот тура, ал эми атамчы, менин бар же жок экеним менен иши жок, башка балдары менен бактылуу жашап жаткандыр" деп ойлонгуча анын кабинетине алтымыштагы адамды экөө колтуктап киришти.

- Келиңиздер, - Тимур аларга отургучту көргөздү, - Эмнеңиз ооруп жатат?

- Ашказан чыдатпай атат айланайын, - оорулуу жалдырай сүйлөдү, - Жанымды койор эмес го балам?

- Эч коркпоңуз, жакшылыкты, кубанычты, кайгыны көтөрө билиш керек.

- Рахмат балам, силерге кудай кубат берсин, - Тимур аны көрүп Света жаткан палатанын маңдайындагы палатага жаткырды. Ашказан оорусу күчөп кеткен экен, ордунан тургузбай жатышты, жанында кызы калды.

Света уулу келгенден бери кичине оорусу кармабай калган эле. Эс ала түшүп өзүн жакшы сезип калды. Абалкан менен Эмир анын жүрөгү ооруп ооруканага жатып калганын угуп, көрүп кеткени келишкен. Светанын сүйүнчүндө чек жок, уулун кайра-кайра өпкүлөп да, ыйлап да жатты. Ооруканадан чыкканда аны үйүнө алып кетмей болушту. Тимур болсо энесине кантип айтаарын билбей ал жакшы болгончо жакшы укол дарыларды бердирип жатты. Өзүнчө палатага которуп, шейшептерин күндө жаңылатып турду. Медсестралар ага таң калып бирок сурай албай:

- Тимур Дүйшөбаевич, Куржунбаева Светанын дары-дармеги менен палатанын акысын ким төлөйт? - деди бири.

- Мен төлөйм, ага тийишпей башкасын ала бергиле! - Тимур ойлуу жооп берди. Ошол бойдон сөз бүттү дегендей башка оорулууларды көрүүгө чыгып кетти.

Света түшкү маал болгондуктан сыртка чыгып келүүнү ойлоп чыгып бараткан эле, бет маңдайындагы палатанын эшиги ачылып Сүйүнтбек акырын басып чыгып калганда Света аны караган бойдон туруп калды. "Ошолбу же башкабы" деп өзүнчө күңгүрөнүп туруп калган Светаны ал тааный койуп бери басты.

- Света, бул сенсиңби?

Света селт дей түштү, жыйырма беш жыл мурун бири-бирин сүйүп анан кайненесинин айынан ажырашып кеткен күйөөсүн ал элее карап үн сөзсүз тура берди. Анан да ойунда "Тимурду сураса эмне деп жооп берем" деп өзүн өзү билбей жүрөгү ооруп пристубу кармап келе жатканда палатасын көздөй зорго басты. Анын өңү бузулуп кеткенин көргөн Сүйүнтбек коркуп кетти:

- Сестра, сестра! - деп кыйкырып жибергенде, эки сестра келип Светаны колтуктай палатасына кирип кеткенде Сүйүнтбек артынан басты. Аңгыча врач да жетип келди, кислород менен дем алдырып, укол сайгандан кийин Света көзүн ачып маңдайында турган Тимурду көрүп:

- Балам мени үйгө жөнөт, кетпесем болбойт, - деди алсыз шыбырай.

- Жок болбойт, сизди ойлонбоңуз дебедим беле, жакшы болуп калдыңыз эле, эмнеге мынча катуу ойлоносуз? - Тимур Светанын тамырын кармай ага жылуу жүз менен жумшак айтты, - сизге тынчтык гана керек.

- Аа-аа айланайын балам… - Света көзүнүн жашын мончок-мончок кылып кулагы ылдый агызып, - Кантип, кантип ойлонбойун… чырактай, текилдеп жүгүрүп жүргөн баламдын өлүү-тирүүсү билинбей… анан… анын атасына кезигип калсам эмне деп айтам? - Света токтолбой ыйлап жатты.

- Атасына жолугуп жүрөсүзбү? - Тимур кызыга сурады: "Атамдын ким экенин билсем кандай жакшы болоор эле, мени кандай кабыл алат болду экен" деп заматта ойлонуп ийди.

- Оо шорум, ал ушул жерде экен да, - демигип көкүрөгүн колу менен басып, - ушул жерде, - боздоп ийди, - баласынын дарегин билбеген мендей шордуу кантип болсун?!

- Ким, ким экен ал? - Тимур ого бетер ашыгып сурап ийди, жүрөгү түрс, түрс этип алаңдап кеткенин билбей калды, - ушул жерде жатыптырбы же келип кеттиби?

- Сүйүнтбек деген… мен, мен чыгып эле кетейинчи?.. .

- Ош-ошолбу?! - Тимур ордунан туруп ары-бери басып жатты, - ошол менин атамбы? - деп сыртынан сүйлөп жибергенин билбей калды. Анын сөзүн уккан Светанын жүрөгү ого бетер дүк-дүк этип ээлигип аны такыр башкача түшүнүп алды: "демек бул Сүйүнбектин баласы тура, кудай уруп айтпай эле койсом болмок экен" деп өзүн жаман сезип кетти. Тимур дайыма чепчик кийип жүргөнгө кулак үстүндөгү аппак чачтары көрүнчү эмес, өзү да Светадан уккандан бери көрсөтпөгөнгө аракет кылып калган. Бул белгини Сүйүнтбек деле билмек, бирок ал бир кезде жаңы эле тили чыккан баласынын минтип врач болуп калышын түк ойлогон эмес эле. Алар ошентип өз ойлору менен алышып бири алсыз жүрөгүн мыкчып, бири ата-энеси менен кантип таанышып алаарын билбей башы катып турганда эшикти кыңкайта ачып Сүйүнтбек кирди:

- Света, кандай эс алып калдыңбы?

Аны көргөн Света кроваттан өйдө боло калды:

- Жакшы…

- Тынчыраак жатыңыз, сизге капа болууга да, кубанууга болбойт! - Тимур Светанын тура калганынан улам жетип келип аны сүйөй жаткырып эки жагын кымтылай, - сиз палатаңызга барыңыз, бул кишинин жүрөгү начар, көп сүйлөгөнгө дагы болбойт, - деди Сүйүнтбекти карап. Ал акырын кайра чыгып кетти. Тимур палатадан чыгып бараткан Сүйүнтбекти бир азга телмире карап туруп анан артынан чыкты, - Сиз менин кабинетиме кириңизчи!

- Макул, - Сүйүнтбек анын артынан кабинетине кирди.

- Отуруңуз! - Тимур аны көпкө дейре телмире карап отурду, - сиз тигил аялды тааныйсызбы?

- Ии-ий… - Сүйүнтбек мукактана бет маңдайындагы олбурлуу, көздөрү ойноктоп, ойлуу өзүн карап турган врачтан тартына жооп берди.

- Кандайча тааныйсыз, айылдашыңызбы же?

- Жок, менин аялым болчу…

- Ажырашып кеттиңер беле?

- Ооба, көп жыл мурун…

- Балдарыңар бар беле?

- Болгон, уулубуз бар болчу.

- Эмне ушул убакка чейин кабар алган эмессизби? - Тимур негедир көздөрүнө тике карап сураганда Сүйүнтбек андан көзүн ала качты.

- Жок, кабар ала алган эмесмин, ал шаарга баса берип күйөөгө тийип кеткенин угуп эле…

- Азыр балдарыңыз барбы?

Сүйүнтбек негедир бул жолу үн катпай көпкө турду да:

- Бар! - деди, - бир кыз эки уулум бар, ушул эле шаарда, кызматтарда иштешет!

- Ажырашып кеткен аялыңыздагы балаңыздын эсиңизде калган бир белгисин билесизби, деги эми көрсөңүз тааный аласызбы?

- Кайдан, эки жашар бала азыр жыйырма беш, жыйырма алтыларга келип калды да, - бир азга ойлуу туруп анан, - мен ошол баланы сурайын деген элем…

- Ал балаңыз азыр мүмкүн жоктур? - сынай тиктеди Тимур.

- Кантип, эмнеге жок болмок эле, андан көрө балдары бар бекен ошону сурап көрчү уулум.

- Мен эмнеге сурайм, сиз андан көрө айтыңызчы, балаңыздын бир жеринде өзгөчөлүгү бар беле? - Тимур аны чыдамсыздык менен карап: "эгер мени эки жарым жашымда кеткен болсом да эстеп, ойлоп жүргөн болсо билет, унутуп мен жөнүндө ойлоп да койбогон болсо билбейт" деп ичинен түпөйүлдөнө жообун күтүп жатты. Көпкө ойлонуп отурган Сүйүнтбек бир кезде:

- Ооба-ооба, анын оң жак кулагынын үстүндө башкача аппак чачы бар болчу, апам аны ыйык чач деп койо турган…

- Өх! - Тимур негедир терең улутунуп алды; "демек менин ата-энем ушулар тура, менин байлыгым ушулар үчүн түгөнүп кетсе да буларга жумшашым керек", деп ойлуу бир азга үнсүз турду да, - бара бериңиз, тигил аялдын тынчын албаңыз, - деди ары карап терезеге үңүлгөн бойдон, анткени сырттан Абалкан менен Эмирдин келе жатканын көрүп ойу бузулуп кетти: "эмнеге эле мен ушул кишини жаман көрөм, бала болсом дагы жек көргөнүмдүн азабынан тентип кетпедим беле?". Сүйүнтбектин чыгып кеткенин сезбей да калды. Ал чыгып баратып Тимурду бир карап алып: "эмне үчүн баламдын белгиси бар же жогун кайра-кайра сурады, балким Тимурду таанып жүрбөсүн, аты окшош экен, бирок атасынын аты такыр бөлөк" деп ойлуу палатасына кирип жатып калды. Ошондон тартып экөөнө айрыкча карап жатышты. Колунан келишинче карап, жакшы болуп калганда үйүнө конок күтчүдөй даярданып, аялына түшүндүрүп койуп жумушуна келди. Адегенде ал Сүйүнтбектин колуна өзүнүн дарегин жазып берди да жөнөтүп койуп Светага барды.

- Эми жакшы болуп калдыңыз, үйүңүзгө кетесизби? - деди жылмая.

- Ооба, барбай анан, - анын жүзү жылмайганы менен боппоз болуп, арыктап кеткендиктен өтө эле алсыз болчу, - уулум үйгө бар деп атат, барайын.

- Сиз кечке бул эле жерде жатып туруңуз, азыр алыңыз жок, бүгүн менин үйүмө конок болосуз, анан жеткирип койом, сүйлөштүкпү? - ал Светаны сүйкүмдүү карады.

- Мм… менин биерде иним бар, ошонукуна эле кете берейин…

- Жок, бүгүн меникинде болосуз! - Тимур аны сүйлөтө бербеди. "Капырай деги өтө боорукер жигит экен, эч нерсе төлөтпөй эми үйүнө коноктогону жатканы эмнеси?". Светанын жүрөгү кабынан чыга тургандай дүк дүк этип этип: "балким менин Тимурум болуп жүрбөсүн? Жок-жок, аны ким окутуп, ким мындай даражага жеткирмек" деп "шуу" үшкүрүп алды да палатасын көздөй илкий басты. "Сүйүнтбек менен да оорунун айынан сүйлөшө албай калдым, баса бул анын баласы болсо ошон үчүн сыйлаганы жаткан го?" деп дегеле ой учугу түгөнбөй ар кайсыны ойлой берип уктап кетти.

Тимур жумуш убактысы бүткөндө Светаны машинага отургузуп алып заңгыраган үйдүн эшигине токтоп өзү түшө калып дарбазаны ачты да ичке айдап кирди. Света үйгө киргенде илбериңки жаш сулуу келин тосуп алып конок бөлмөгө киргизгенде Света менен Сүйүнтбек бири бирин көрүп оңтойсуз абалда калды, Сүйүнтбек болсо тура калды да кол сунуп учурашып калды:

- Кел Света, кандай жакшы жүрөсүңбү?

- Жакшы-жакшы, , - Света оозун зорго кыбыратканга жарап "ушул чакырткан тура, Тимур ушунун баласы болсо… неге кийинки баласын да Тимур деп койду, анда неге фамилиясы бөлөк" деп ойлонуп калганда сырттан башына эч нерсе кийбей жылаң баш болуп Тимур кирип келип:

- Отурдуңуздарбы, жай отуруңуздар, түн бакырдыкы деген го? - деп дасторконго колун жаңсады, - алыңыздар?!

Экөө бири бирине коошпогон, жашы элүүгө чамалап калган адамдар бир эсе таң калып, бир эсе түшүнбөй: "экөөбүздү жолуктуруп койойун дегенби чунак бала" деп Сүйүнтбек ойлосо, "деги жүрөгүм эле ойноктойт да, жакшылыктын жышааныбы же… же менин Тимурумдун бир жамандыгын угамбы, тааныйт окшойт" деп колдору калчылдап, алдындагы куйулган чайды түзүгүрөөк иче албай дыкат болуп отурганда Тимур ордунан туруп ары басып: "дегеле мени балам го деп ойлошпосо керек, экөө тең көңүл буруп караганга даабай турушат го?" деп өзү айтуудан тартынып турганда Света:

- Олда-аа кагылайын каралдым аа-ай! - деп ордунан тура калып чалынып, жулунуп Тимурга жетти, - Менин каралдымсың го, кагылайын аай, сенден биротоло түңүлүп калбадым беле?! - деп кучактап солкулдап көзүнүн жашы жүзүн жууп турганда Тимур дагы үнсүз ыйлап турду, Света анын чачтарынан жоон болуп бөлүнүп турган аппак чачтарын сылагылап атты. Эч нерсени түшүнбөй калган Сүйүнтбек качан гана Светанын колдору сылап жаткан анын ак чачын көргөндө ордунан тура калды:

- Ой айланайын Света, бул эмнеңер, Тимур сени менен менин уулум беле садага?! - деп ал да Тимурду кучактап өөп, - Силер эмне бир бириңерди эми таптыңарбы? - деп суроолуу карады, - Тимур сөз айтууга даремети жетпей башын гана ийкеп турду.

Бири бирин таап кубанычка бөлөнгөн ата-бала, эне үчөө көптөн кийин гана өздөрүнө келип Тимурдун аялын, жанында жаңыдан жөрмөлөп жүргөн наристеге умтулушту. Ал экөө бирде күлүп, бирде ыйлап кубанычтан маңдайлары жарыла сүйлөшүп отуруп акыры Света жүрөк өйүгөн суроосун берди:

- Уулум деги кайда, кандай адамдын арты менен ушул даражага жеттиң?

- Ээ апаке, баламын да, баламын, иши кылып менин тагдырымды кудай өзү чечти, - ойлуу, - мүмкүн менин үйдөн жаш кезимде качып кетишиме ушул байлык азгырып турса керек! - деп белине таңып жүргөн алтынды жая берип көрсөткөндө экөө тең таң кала аны колдоруна алып ары-бери салдырып карап көрүп Сүйүнтбек:

- Уулум, бул илгеркилердин уйутулган алтыны тура, бул да болсо сенин ырыскың балам, кудай ишиңди оңдосун! - деп бата берип ийди.

- Садага болойунум, ушул табылгаң жөнүндө баккан ата-энеңе айттың беле?

- Жок апа, алар менин кантип байып кеткениме түшүнбөй эле калышты, анткени контрактты өзүм төлөп, анда-санда гана барбасам, көп барбайм, үйлөнгөндө дагы баарын өзүм көтөргөндө абдан таң болушту.

- Сырыңды айтып, бул алтынды көрсөтпөгөнүң жакшы болуптур уулум, кантсе да жаман ойлоп душмандык кылышы мүмкүн эле, анткени алтындын анты ошондой, өзүңө душман четинен табылмак.

- Мен да ошентип ойлодум..

Тимур ата энесин абдан сыйлап, аларга кийим-кече алып берип, анан Сүйүнтбекти жөнөтүп койуп Светаны үйүнө алып калды. Светанын жүрөк ооруткан арманы арылып, өзүнө көздүн карегиндей карап үйдөн да ар күнү тамырын кармап абдан сакайганча үйүндө жүрмөк болду. Ардан эки жума өткөндө Абалкан менен Эмир келгенде Тимур аларды үйүнө алып келди. Светанын кадимкидей болуп айыгып калганын көрүп Абалкан: "абалына боору ооруган го, абдан кичи пейил жигит экен" деп ойлонуп отурганда Света:

- Абалкан, менин бүтпөйт деген арманым бүтүп, үмүтүм соолуп бүтөөрүнө аз калганда көз жашым тыйылып, жоготконум табылып көөнүм жайланды, уулум… Тимурум… - деп көз жашына мууна, кубанычтан күлмүңдөй сүйлөп жатканда Абалкан:

- Деги эмне деп эле жатасың, түшүндүрүп айтып анан ыйлачы?! - деди.

- Менин Тимурум мына, көрдүңбү, мен аны келип калат дечү элем го? - дегенде кирип келаткан Тимурду Абалкан таң калгандай карап калганда, - уулум азамат болуп, жалгыз эмес үйбүлөсү менен мени кубантып отурат! - деди.

- Чын элеби, - ордунан тура кол суна учурашып, кучактап алып өөп, далыга таптап, - Оо азамат десе, аман-эсен көрүнгөнүң апаң үчүн жакшы болгон тура! - деп эч нерсе ойунда жок эле кубанычтуу кол алышып, - Эмир, кел балам, бул сенин улуу агаң, - деп аны чакырды. Тимур анын калдаңдап сүйүнүп турганын көрүп турса да: "апаң үчүн жакшы болгон тура деп, сен үчүн менин барым да жогум да баары бир эмеспи" деп ичинен жаман ойлоп, котур ташы койнунда катылуу бойдон эзелки кеги бардай сырдуу жылмайып алды. Эмир жигиттик куракка келип калгандыктан агасына салам айтып, кучакташып көрүштү. Тимур аларды колунан келишинче сыйлап, бир жумадай анын үйүндө турушкан соң аларды үйүнө жеткирүүгө жөнөмөй болду эле, Абалкан аны аялы менен чогуу үйүнө чакырды: "Көңүлүнө кетпесин, балапан кезинде өгөйлөп качып кеткен неменин ичинде арамы бар, мынчалык байлыкка кандайча жетти экен, мында бир сыр бар, эмнеси болсо да уулума жөлөк болоор… агасы эмеспи" деп ойлоп коноктоп, кетээринде кичинекей наристеге тай энчилеп берип узатты. Тимур Светаны табылгыс укол дарылар менен дарылап айыкканча өзү келип турду. Анын жүрөк оорусу жаңы башталгандыктан, санаасы тынып, көңүлү жайланып калгандан кийин өзүнө келип калды. Абалкан анын кадимкидей болуп сакайып кеткенине кубанып жүргөндө ал бара-бара көтөрүлүп баласы Тимурду айтып мактанып, айылчылаганы көбөйүп, кайрадан аз-аздап иче баштады. Анын бул кыял жоругу Эмирге жакпай:

- Апа, деги адамча жашоо деген болобу бизде, мына мен быйыл окууга тапшырып өтүп калсам атам эле кыйналат го? - Эмир апасына капа боло сүйлөдү.

- Ийи, атаңды мен эмне өлтүрүп коймок белем, мени өз жайыма койгула, жиним келсе Тимурдун колуна кетип калам!

- Света, деги сен бул кыялыңды качан токтотосуң, элден деле уялсаң боло, ичкенден көңүлүң калган жок беле?

- Эмне анда баламдын күйүтүнөн ичип жүргөм, эми көңүлүм тынды, уулум адам болуп, сан миңдеген адамды оорудан сакайтып, экинин бири, Эмирим болсо бой жетти, муну да Тимур чоң окууга окутам деп атат, анан ичип эл катары бассам дагы болбойбу? - Света силкинип сыртка чыгып кетти. Абалкан өзүнүн тагдырына таарынып, ичтен сызып отуруп калды. Күндө ушул уруш-талаш менен таң атып, күн батат. Эмне кылаарын билбей калган Абалкан тим койду. Бир күнү Света конок тосчудай абдан камынып жатып Абалканга минтти:

- Келиндер жоголгон балаң табылып, болгондо да чоң догдур экен, жуубайсыңбы деп атат, козу сойуп койолу.

- Козу сойбой эле тамак жасап, арак бузуп берип кой да, ансыз деле мал аздап баратат, соода-сатык кылбасак, же экөөбүз тең пенсияда эмеспиз, күнүмдүк оокатка жалаң мал-жан сатып жашап жатсак, өзүң түшүнбөйсүңбү?

- Эй, сен менин балам табылганына, анын адам болуп чыгышына ичиң тарып турат го, болбосо ошонун аман-эсен келип калганына кудайы өткөрсөк деле болмок, көрө албасыңдын айынан арам өлөөр бекенсиң?!

- Менин жумшактыгым, момундугум сени көптүрүп атат да, болбосо… - Абалкан улутуна ордунан турду, - каалаганыңды кыл!

- Айтпасаң да кылаарымды кылам, эрим экен деп сурап койсо каадаланып калат, момун боло калганын…

- Апа дейм, эмне эле атамды кордоп жатасың, экинчи атама дагы жаман айтчу болсоң ушул үйдөн же сиз же мен кетем! - Эмир сырттан келип апасына таарына кетти.

- Ики жаман десе, сен деле жакшы адам болбойт окшойсуң, атаңдан бетер былжыраган неме болосуң го?

- Жаагыңды жапчы, деги тынчтык берчи, Эмир экөөбүздү сен жинди кыла турган болдуң го? - Абалкан кайра кирип келатып наалый кетти.

- Балага да кирип чыгып бирдемелерди айта берип сен жаман көргөзүп жатасың, болбосо ал мага минтпейт болчу! - Света алкынып кирди, - Ушу сага кайсы күнү гана жолуктум экен?

- Мен сага жалдыраган эмесмин, кызматыма кызыгып өзүң жармашкансың билсең, Сарвиназ аркылуу мага мамилени сен кылбадың беле?

- Сарвиназың менен кара жерге кир, ошо шүмшүк болбосо мен сага жолукпайт элем да элем, - Света эшикке чыгып кетти. Аргасы кеткен Абалкан короодогу семиз козуну сойуп берип койуп өзү кетип калды. Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген зайып курбу-курдаштарын чогултуп алып арак менен пивону алып келип мактанып отурду:

- Кудайга айланайын, мен ушул Абалканга тийгениме таарынып үйдөн жети жашында кетип калып жыйырма жылдан кийин таап атпайынбы. - жайдаңдап кубанычы койнуна батпай арактан куйуп атты.

- Ай и-ий ай, жыйырма жылдын кийин кантип таанып калдың? - бир келин чындап эле таң кала сурап койду.

- Кызык ай, мен балакетти тааныймынбы, анын атасы да мен жаткан балнисада ооруп жатыптыр, мени көрүп калып "балам чоңойдубу, кайда азыр?" деп сураса эмне дейм деп ойлоп жүрөгүм кармап калды, ошондо менден сурады, эс алгандан кийин, - кызып калганга кыткылыктап күлүп жатып баарын айтып берди. Бири ишенсе бири ишенбей, ичип жеп отуруп жакшы тилектерди айтып, баары кызып калып ырдай башташты.

- Деги уулумдун жышааналуу белгиси бар болчу, ошондон тааныдым да.

- Ал кандай белги?

- Оң жак чыкыйында аттын жалындай апаппак калың чачы бар болчу, кайненем бул бала жышааналуу, ырыстуу болот деп айтып калчу, ыйык чачын чоңойгончо өстүрүп кийин алганбыз.

- Ой тобо-оо ошол балаңды бир көрсөм болобу ыя, мен көргөнгө кызыгып калдым, - күйөөсү жок келин шакылдап тамашага чала сүйлөдү.

- Эми бир келгенде өзүң эле басып келсең, машинени көргөндө эле…

- Сөзсүз балаңыз келгенде ыйык деген чачын бир көрөйүн.

- Ал эле дейсиңби, уулум ошо багып жүргөн кишинин үйүндө кой кайтарып жүрүп тай туяк алтын таап алыптыр!

- Тай туяк алтын?

- Ооба, түшүндө бир карыя: "ал сенин ырыскың балам, бекитип ал" дептир.

- Ой тобо-оо, мен китептерден гана окуп калчумун тай туяк алтын деп, андай алтынга бир мамлекетти бүт сатып алса болот да?

- Уулум абдан акылдуу ай, ал алтындын жарымынын жарымын гана пайдаланып, калганын күч-кубат берет деп белине ороп жүрөт экен, - Света мас болгондон кийин бүт баарын айтып отурду. Жадагалса аялына айтпай жүрүп дал ушул ата-энесине айтканда уккан аялы таарынып калган болчу. Ошентип баласы жөнүндө айтаарга сөз таппай калганча сүйлөп, ырдап да отурду. Керээлден кечке үйгө кирбей эшиктен тамак ичип алып жүрүшкөн Абалкан менен Эмир жадады, чарчады.

- Ай күйөөң деле кирип биз менен отурбайбы? - деп коңшу жашаган Бекмат Светаны карады.

- Ошол куруп кетсин эркек дейсиңби, же конок күтпөйбүз же конокко барбайбыз, өзүбүзчө эле жапайы болуп бүттүк.

- Койчу ай Света, Абалкан жакшы киши, ошонун жакшылыгынан каалаганыңдай кийип ичип басып жүрөсүң да?!

- Ий кокуй, мынабу мен кийип жүргөндүн баарын уулум алып берип, керек кыласың деп он миң сом берген, - деп Абалканга жакшы сөз жолото койбогонунан беркилер унчукпай калышты да кайрадан ырдап киришти. Кеч күүгүмдө зорго тараган конокторду Света узатып чыкты. Көңүлү ачык, жайдары болуп кайра үйүнө кирди да:

- Уш-шу сен эркек деле эмессиң ай, коноктордун үстүнө кирип койбойт белең ыя? - деп кекетип кирди.

- Мен эмне куда тосуп жаттым беле, өзүңдүн досторуңду өзүң ээн эркин тосо бер да, - Абалкан жактырбай төргө кыңкая кетти.

- Оме-ей ой, эмне кирсең болбойт беле, кудадан айланасыңбы, ушул кебетең менен, куданы да ырыстуу киши күтөт!

- Мага асылганыңды койосуңбу сен? - Абалкан жини келе өйдө болду, - Менин ырыскым барынан үйдө жатып кардың ток, кийимиң бүтүн жүрөсүң да!

- Кыйраттың, кишидей болуп конок келсе үстүнө кирип койбосоң, эри жок катындай жалгыз отуруп уялганымды айт!

- Кой жомогуңду, кечке эшикте жүрүп Эмир экөөбүз чарчадык, тамактанып алып жаталы, - Абалкан: "сага теңелип болобу" дегендей кайра кыңкыйып жатып алды: "Буга кайдан туш болдум экен, пешенеме ушуну жазса аргам канча-аа" деп улутунуп алды: "жакшы аял жаман эркекти эр кылып алса, жаман аял жакшы эркекти жок кылаары бышык го".

Уруш-талаш менен күндөр чубашып, өтө берди. Тимур Светанын туулган күнүнөн эки күн мурун келип Абалканды кошо шаарга Света экөөнү алып кетти. Эмир болсо: "мен чоңойуп калбадымбы, ээрчип жүрө бермек белем?" деп үйдө калды. Светанын туулган күнүнө белек алып берээрде экөөнү ээрчитип алып алтын дүкөнүнө барып алтын шакек, алтын шуру, сөйкө сатып берди, кайра экөөнө тең бир сыйра кийим алып кийгизип коноктоп туруп жеткирип койду. Абалкан: "Тимурга Светанын кылыктарын айтып ичкенин койдурсамбы" деп ойлоп оозун таптап барып токтоду: "Менин айтканыма ишенмек беле, мени жаман көрүп энесинин сөзүн сүйлөп жүрбөсүн", деп ойлогондо негедир Тимурдан үмүт кылбай аны менен сый болууну ойлоду. Света айылга келгенден кийин буту жер баспай эптеп шылтоо менен коңшу-колоңунун үйүнө кирип мактанып эле жатып калды. Аңгыча жай айы келип Эмир шаарга окумак болуп Абалкан экөө мал сатып пулун түйүп алып кетишкен. Андай ээндикти таппай турган Светага кудай берди, куурдакты жасап алып теңтуш келиндерин чакырып шарактап элден башкача ойун-зоок уйуштуруп оңуп калды. Күндө соо эмес, үйүндө жок дегенде эки келин эки эркек болот. Ошол күнү да Света жакшы көргөн жигити менен ичип отуруп эле уктап калган. Болгондо да экөө дырдай жылаңач болуп Абалкан экөө жатчу төшөктө жатып алышкан эле. Шаардан келген Абалкан бул көрүнүштү башка келтек жегендей кабыл алып кирип эле Светаны колунан тартып сүйрөп тургузуп жанындагыны тепкилеп кирди.

- Эн-неңдурайын жалап, тапкан экенсиң, менин төшөгүмдү кайдагы бирөөгө тебелеткен кандай экенин сага көрсөтөйүн! - Светаны да уруп киргенде тигиниси кийимин эптеп чогултуп көтөрүп алып дуу койду. Эмир болсо жини келип ал эркекти эшиктен кармап тээп, башка-көзгө койгулап короодон кубалады.

- Света, бул эмне кылганың ыя, мен сага киммин, эриңминби же сага көлөкөдөй эле көрүнүп жүрөмбү?! - Абалкан ачуусу менен аны аябай уруп жатты. Ошондо да тилин тартпаган ал:

- Ий-иий, ушу сен эркексиңби ыя, билгениңди кылып ал! - дегенде Абалкан ого бетер тепкилеп жатканда Эмир кирип арачалап атты. Оозу башы канжалаган Света сүйлөй берди: - Өлүгүңдү көрөйүн десе, сени эле сотко берип түрмөдө чиритпесемби?

- Болбодубу апа, уялып, күйөөңдү сезгендин ордуна кайра ажылдайсың да! - Эмир апасын ажыратып ары алып барып тыйганга аракеттенип жатты. Абалкандын ачуусу келгенинен калчылдап турганда Тимур кирип келди:

- Эмне болуп кетти? - Светанын канжалап, бети башы көгөрүп, томпойуп кеткенин көрүп Абалканга жулунду: - Сен көпкөн экенсиң, ушунча да урасыңбы ыя, өлүп калса эмне болот эле?

- Энеңди тыйып койуп мага кыйкыр, тажадым деги ушундан, - Абалкан колун шилтей ары бурула бергенде Тимур ага жетип барып жакадан алганда Эмир арага түшүп,

- Атама тийбе, керек болсо апамда күнөө, апа дегенден уялып зорго жүрөм, - деп анын карышкан колун чыгаргыча көк болгон Абалкандын шилекейи куйулуп башы шылк дей түшкөндө Света коркуп кетти:

- Тиму-ур, койо бер, андан көрө мени өлтү-үр кокуй! - деп жетип барганда албеттүү, күчкө толуп турган жигиттин көзү энесин жеп жиберчүдөй карады:

- Баары бүттү, мен муну өлтүрдүм! - деп колун зорго бошотуп сыртка карай басканда атасы менен алышып атып анын биротоло өлгөнүн билген Эмир бычак алып Тимурдун артынан жүгүрүп эми жетип саярда аны Света кармап калды эле ага да бычакты шилтеп жиберди:

- Азыр балаң экөөңдү тең жайлайм! - Ачуу чаңырган үнүнөн коңшу-колоңу жетип келишти. Эмир жетип сайганча аны коңшусу кармап калды. Тимур бир аз өзүнө келип алып келген элге эч нерсе болбогондой сүйлөп атты. Эл чогулуп киргенде Абалкан эбак эле келбес жакка кетип денеси муздай баштаган экен. Эмир келген элди көрүп эмне кылаарын билбей же Тимурдун өлтүргөнүн айта албай тайсалдап, жини келгени, атасынан айрылганы, эмеле көргөнү коркунучтуу түштөй көрүнүп өзүн жоготуп ар кайсыны сүйлөп дөөрүп жатып калды. Заматта чогулган эл ары-бери чапкылап, "өлгөндүн жазасы көмгөн" дегендей анын тажиясына камына ары-бери жүгүрүшө үй тигип, жакын туугандарына, шаардагы кызы Сарвиназга киши жөнөтүп будуң-чаң түшүп калышты. Ким чакырганы белгисиз айылдык участковый да жетип келди. Эмир бул ишти эч качан кечире албасын түшүндү, апасынын кылыгын, атасы ошого ачууланып урганын, баарын, баарын айтып боздоп атты. Милиция Тимурду алып кетти. Светаны эл жаман көрүп, наалат кылып атышты. Бул ишке катышы бар деп анын ойношун да камап койушту. Врачтар келип Абалканды көрүп эч жеринен көгала табышкан жок, анткени Тимур жөн гана күрөө тамырынан басып койгон эле. Ачууланып жатып мээсине кан куйулган деп кетишти. Бул Тимурдун тааныштары эле. Ошентип Тимурду өлтүрдү деген негиз такталбай аргасыз аны койуп ызаат сыйын жасап бүткөндөн кийин Тимурду суракка ала баштады.

- Сиз муунтканда атайын өлтүргүңүз келген беле?

- Жок, мен аны апамды сабап койгону үчүн эле ачуум менен кармап коркутуп койойун дегем, өлтүрүү ойумда жок эле… - Тимур ойлуу бир аз турду да тергөөчүгө карап, - сизге мен өмүр бойу жете турган байлык берем, кыскасы сөз мындай, сиз ишти сотко ашырбай жаап койуңуз! - деди сырдуу.

- Ал эмне болгон байлык? - Тергөөчү алаңдай эшикти карап кызыга сурады.

- Бармактай алтын берем, эгер сен ишимди бүтүрсөң экөөбүз мындан ары дос болобуз, андан сырткары сураган акчаңды да берем! - Тимур анын алтын дегенде "жым" дей түшкөнүн байкады. Тергөөчү ага ишенбегендей: "бармактай алтын деген оңой эмес да, бул мени шакабалап, пара алганым үчүн карматып койбос бекен?" деп бир топко үнсүз ойлонуп отуруп калды.

- Андай алтын дегениңе ким ишенет, адегенде экөөбүз жакшылап сүйлөшүп алалы, биринчи сен алып кел, мен сени убактылуу да чыгара албайм, анткени сен 97 ст. 2 пункт. менен соттолосуң, ошон үчүн бирөөдөн алдырасың да мага бергенден кийин сотко жеткирбей бүтүрөм, - тергөөчү бирөө угуп калбасын дегендей каалганы бекитип Тимурдун маңдайына келип шыбырай сүйлөдү, - экөөбүздөн башка жан билбесин, макулбу? - деп ордунан турду да сыртка үн салды, - Алып кеткиле!

Эртеси эле аялы келгенде жыйырма миң менен кошо бармактай алтынды тергөөчүнүн колуна салды. Тергөөчү арадан жума өтүп өтпөй эле экспертти кайрадан алып келип мүрзөнү ачтырып өлүктү кайрадан текшерүүгө алды, бирок жарым ай болуп калганына карабай өлүк күнү бүгүнкүдөй, бир да жеринде көгала жок болуп чыкты, ошондуктан кайрадан: "катуу ачууланганда кан басымы көтөрүлүп мээсине кан куйулуп кеткен" деген тастыктоону билдирди. Тимур эксперттин тактаган кагазы келгиче ары-бери басып, ар кайсыны ойлоп жатып Светага жини келип: "күйөөсү туруп эркек менен жүргөнүн кара, ушундан кийин энем деп айтууга кантип оозум барат, менин кадыр-баркыма доо кетирди" деп тынчсызданып жатты. Тергөөчү алганын акташтын амалы кылып сотко жеткирбегенге аракет кылып: "Эч кандай өлүккө кол тийген эмес, иниси Эмир Абалкан уулу агасына көө жапкысы келген, анткени экөөнүн атасы бөлөк, бул жерде күнөөлүү катары Света Куржунбаева, ал күйөөсү жоктон пайдаланып үйүнө мас абалда чоочун эркекти алып кирип алып интимдик катнаш жасап жатканда Абалкан Садыбакасов кирип келип өзүн билбей катуу ачуулангандыктан кан басымы көтөрүлүп кеткен, ошол учурда Дүйшөбаев Тимур Калмурзаевич кирип келип жөн гана коркутуп койуну ойлоп кармаганда анын көгөрүп кеткен өңүн көрүп койо берген. Натыйжада Садыбакасов жыгылып кеткен. Эмир Абалкан уулу агасынан күмөн санап калган, Света Куржунбаеванын моралдык жагынан бузулгандыгы, тартипсиздик кылып күйөөсүнөн башка эркек менен ойноштук кылышы күйөөсүнүн өлүмүнө себепкер болгон" деген тактоо киргизип Тимурдун баардык документин тууралап бир ай дегенде: "Жалган жалаа, доогердин койгон күнөөсү негизсиз" деп аны бошотуп жиберди. Тимур ошол эле күнү өгөй атасына куран окутканы келгенде Эмир аны менен көрүшпөстөн чыгып кетти. Ал да эч нерсе дебей Светага таарыныч кылып катуу айтты да кетип калды. Света Абалкандын өлүмүнө себепкер болгонуна кейип да койбоду: "ажалы жетип калгандыр, ар ким буйруган жашты жашайт да, Тимурдун кутулуп кеткени жакшы болду". Эмир апасы менен бир дасторкондо отуруп тамак ичпейт, ал үйгө кирсе эшикке чыгып, эшикке чыкса үйгө кирип жүзүн көргүсү келбейт. Анын арман кылганы эле: "ошондо окууга кирип калсам да бул азап болбойт беле, өмүр бойу аны эне катары эсептебей калдым го, көзүм көрбөгөндө ишенип өлгөнүнө кайгырып жүрө бермекмин, энемди жек көрбөй калмакмын" деп эзилип жүрдү.

Сарвиназ кыркына чейин кетпей калып калган, Света алардан корунуп, уялып калуунун ордуна кайра эле Сарвиназга асыла баштады:

- Сендей кыздар алда качан эле эрге тийип экиден балалуу болуп калды, сен болсо окуудан жыргап кете тургансып талаалап жүрөсүң! - Сарвиназ анын сөзүнө жооп да бербеди.

- Анын сага кандай тиешеси бар, сен асылганды койуп балдарыңдан тирүүлөй айрылганыңды бил, ушу сен энесиңби?! - Эмир ага ачуусу келе сүйлөдү, - сен эне эмессиң, жылансың, жырткычсың, уктуңбу?!

- Оме-ей, мен сага эмне кылдым ыя, көкүлүңдөн сылап көңүлүңдү карап өстүргөнүмбү?

- Атам болбогондо сен эбак "бомж" болуп жолдо калмаксың, бала бакмай тургай өзүңдү таппай жолдо калмаксың!

- Болду, жетишет, сенин сөзүңдү уккум да келбейт, алдагы шерменде болсо жоголсун, көргүм да келбейт, - Света болбой эле долулана бергенде Эмир бычакты колуна алды да:

- Дагы бирдеме десең алдыңа өлүп берем, ушу сенден тажадым, сендей энеден туулганыма өкүнөм! - деп бычакты ичине саярда Света бакырып жиберди:

- Балам, мени кечир, кечирчи кагылайын, экинчи сүйлөсөм оозум жырылсын, - чырылдап ийди. Ошентип эне-бала, бири-бирине заматта өгөй болуп алыстай баштады, кыркын өткөргөндөн кийин Сарвиназ окуусуна кетти. Эмирдин жүрөгү музга айланып апасын көргүсү келбей күндө бир маал атасынын мүрзөсүнө барып куран окуп кайтат. Ал өз ичинен: "мен эми окубайм, жөн гана атамдын ордун жоготпой үйлөнүп алып жашай берем" деп ойлоочу болду.

*** **** **** ***

Мариям өз тагдырынын кайда бурулганын аңдабай да калды. Ээрчитип келген аял аны үч күн үйүнө түнөтүп үчүнчү күн болгондо ага бир сыйра жаңы кийим алып келип берди да минтти:

- Мая, сени Американын Лос-Анджелес шаарына бала бакканга жөнөткөнү жатам, паспортуңду бер.

- Эже, мен тил билбесем кантип барам? - ал эмнеси болсо да көздөн далдаа кетип калгысы келип турган менен жүрөксүп атты, - Бала бакканга да тил билгенди алат чыгар?

- Өздөрүнүн тилмечи болот, бир жылга контракт түзүп койдук, жол каражатын, мынабу кийимдерди мен төлөп жатам, баргандан кийин алар өздөрү билет, бол эрте кийин, салонго барып келе койолу.

Мариям ыргылжың болуп турганы менен аргасыз эле: "эгер издеп калышса өлдүм, Курман акем эмдигиче укту, эмне деди экен" деп ойлогондо ичиркенип алды. Ансыз да сүт толгон эмчеги ооруп эти ысып ооруксунуп: "балам кантти, кайран Элмардын убалына да калдым, Данияр камалды болуш керек, эгер милицияга түшпөй качып мени издеп таап алса өлдүм, андан көрө эмне болсо ошо болсун кете берейин көздөн далдоо" деген ойдо кийинип Махабаттын артынан ээрчип салонго жөнөдү. Салондон чыкканда аны көргөн Махабат тим эле кубанып кучактап өөп жиберди.

- Ой иий ой, ушундай татынакай чырайың менен кор болуп ушиерде жүргүчө… - ал бир нерсени айтып жибере жаздап токтоду, - деги биздин кыргыздын жигиттеринин көкүрөгү да көзү да сокур, ушу сага окшогон перидей кызды бактылуу кыла албаган.

- Койуңузчу эже… - Мариям көңүлсүз кол шилтеп койду: "мен чындап эле бактыны көтөрө албадым окшойт, Даниярдын чарк айланып турганына түкүрүп кете берип ортодо бир азамат жигиттин убалына калдым, эми мага баары бир" деп ойлонду да токтоосуз кетүүгө макул болду.

Мариямды эки америкалык төрт кызга кошуп самалётко салып жүрүп кетти. Өз ара кыздар менен сүйлөшүп баратып таанышып да алды, алар да алыскы Америкага бала багып көп акча таап байуу үчүн баратканы белгилүү болду. Тигилер эч санаасы жок күлүп жайдары, ал эми Мариямдын көңүлү чөгүңкү тартып ойунда баласы, өлүп жаткан Элмардын денеси, өзүнө кыжыры кайнап тиштенип аткан Данияр, көз алдына тасмадай тартылып бара жатты. Канча убакыт өткөнүн да баамдабай калышты. Самолёт термелип барып жерге конуп жүргүнчүлөр түшө башташты. Жерге түшөөрү менен эле, күтүп турган машиналарга бөлүнүп түшүп кайдадыр зымырап жөнөдү. Баятан бери көңүлү ачылбай келе жаткан Мариям кооз шаарды суктана карап бийик үйлөрдү көрүп: "абдан жетишкен өлкө дегени чын тура, бала бакканга башка өлкөдөн жалдашканына караганда абдан бай же чоңдору алдырып келе жаткан го, буйруса акчаны көп таап калсам тил үйрөнүп алып ушул жакта калып калсамчы, эми агамдын жүзүн кантип карамак элем, кийин унутула баштаганда деле баламды көрүп агама жардам берип, сыртынан көрүп жүрө берем" деп негедир көңүлү сергилең тартып эргип баратты. Ал алдыда аны кандай шумдуктар күтүп жатканын ойуна алган да жок.

Бир кезде заңгыраган бийик үйдүн эшигине токтоду да баары түшүп кирип баратканда кыздар да артынан кирди. Алар лифти менен өйдө чыгып төртүнчү кабатка келгенде чооң бөлмөгө алып киришти. Кыздар өздөрүнчө бир бирин карап турганда тигил үч киши кайдадыр тилмеч менен бирдемелерди сүйлөшүп кыздар ар кайсыны кобурашып кандай хозяинге жолугаар экенбиз дешип ичтеринен ойлонуп отурганда Мариям тилмечти карап жылмая орусча сурап койду.

- Сиздин аты жөнүңүздү билип алсак болобу?

- Жакшы болот, менин атым Сем.

- Меники Мариям.

- А меники Роза.

- Гуля, - үчүнчү кыз үнүн пасыраак чыгара курбуларын жактыра бербей жооп берди.

- Мен болсо Алтынаймын, - төртүнчү кыз эмнеси болсо да тигинин тил билгенине кубангандай күлө сүйлөдү, - Сем тиги кишилер кимдер, бизди кожойундарга качан жеткиресиңер, биз чарчадык эс алуубуз керек?!

- Азыр, шефтер келет, силерге эжеңер эмне деп айтты эле? - Сем кыздарды карай суроо узатты.

- Бала багасыңар деген, - Мариям озуна сүйлөдү.

- А мени болсо карыларды багып айлык акыны алып бир жылда келесиңер деген.

Берки экөө үндөгөн жок.

- Кайдагы бала, силерди сатып албадыбы, демек силер тигилер эмне десе баарына макул болушуңар керек!

- Эмне-е? - Мариям кыйкырып жиберди, - Ал аялдын биз менен кандай иши бар, кандай акысы бар?! - ыйлап кирди. Беркилер да кужулдашып калганда Сем аларды тыйды:

- Болду көп чурулдабагыла, кыскасы төртөөңөр төрт киши менен жашайсыңар, алар ойдогудай карайт, эгер төрөп берсеңер эки эсе акыңарды берип элиңерге жеткирип койот. Эч кимиси эч нерсе дебей бири ыйласа бири томсоруп туруп калышты. Аларда андан башка арга да жок эле, качып да кете алышмак эмес, же колдорунда тыйыны жок. Алар ар кимиси өз ойлору менен алек болуп селейип отурушканда төрт киши кирип келди да кыздарды тандоого киришти. Узун бойлуу картаң Джон Мариямдын жанына келип аны колдон алды.

- Сиз мага жактыңыз, мени менен кетесиз, - Мариям үн дебеди, ага азыр баары бир болчу, "кайда барсаң мамайдын гөрү" дегендей тагдырым ушул болсо айла канча, көзүмдүн агы менен тең айланып турган Даниярдын кусуру, мен үчүн ажал тапкан Элмардын убалы… башка салганды көрдүм". Ошентип ал Джон менен кетти. Аны ал түш ченде өзүнө тиешелүү үйгө алып барды. Чо-оң заңгыраган үч кабат үйдүн бир бөлмөсүнө киргизди да тилмеч аркылуу ага минтти.

- Сиз ушул бөлмөдө болосуз, врачтар келип сиздин денсоолугуңузду текшергенден кийин анан сүйлөшөбүз, - дейт Джон. Мариям үн дебеди.

Экөө тең чыгып кеткенден кийин ал бир топко буулугуп ыйлап атты, анын бул ыйы өкүнүчтүн, армандын, сагынычтын ыйы эле, эмчектеги баласын канчалык эстебейин десе да кылт этип ойуна түшө берип, энелик жүрөгү делбиреп наристесин көздөй кучак жайып жетип баргысы келген менен эми баары кеч болчу. Бир аздан кийин бир аял тамак-аш, салфетка көтөрүп келип столго койду да чыгып кетти. Мариям карды ачканын ушул азыр сезип ваннага кирип жуунуп чыгып анан тамактанды. Ал күнү жолдо чарчаганга тырп этпей уктаган экен, түн кирип таң атканын сезбей калыптыр. Эшик тыкылдаганда гана тура калып ачса бир аял менен бир киши, тилмеч кошо туруптур.

- Саламатсызбы чоң кыз, булар врачтар, сиздин денсоолугуңузду текшергени келишти. Мариям дале үн дебеди, кайдыгер гана баш ийкеп койду. Ошентип аны текшерип денсоолугу жайында экенин көрүп кеткенден кийин Джон аны менен жашап калды. Бирок ал бир жумада эки күн болот да калган күндөрү үй кызматчысынын даярдап берген тамагын ичип койуп гезит журналдарды карап, телевизор көрүп отура берет. Чындыгында Мариям ого бетер көркүнө чыгып, толуп кетти, арадан туура үч ай өткөндө чындап эле анын бойуна бүтүп калды. Джон ошондо кубанганынан кадимкидей Мариямды кучактап өөп эркелетип врачтарды ээрчитип келип көрсөтүп, машинасына салып алып шаар көрсөтүп, жан-алы калбай жанынан чыкпай калды. Мариям: "эртерээк эле чыгып кетсе экен, эптеп ушундан кетсем болот эле" деп сыртынан жылмая мамиле кылганы менен ичинде тоңгон муз ичиркентип турчу. Бир азга өзүнчө болсо эле баласын эстейт, Даниярдын же соттолгонун билбей көп ойлончу болду. Улам ичи чоңойгон сайын Джон ага витаминдүү оокаттарды берип: "ойлонбо, ооруп каласың, сен ооруп калсаң балага зыян келет" деп көңүлүн ачууга аракеттенет. Күн сайын кан басымын, ичин көргөзүп турат. Үйүнө атайын бир врач, бир акушерка аны караганы келди. Күткөн күн келип ал уул төрөдү, негедир ага энелик мээримин төккүсү келбеди, ал турсун "жүзүн көрбөй эле койойун" деген ойдо жаңыдан жарыкчылыкка келип тарбалаңдап ыйлап жаткан наристеге жүз бурбады. Мариям бир аз тыңыгандан кийин Джон ага:

- Мая, мен сени жакшы көрөм, калып кал, уулуңду өзүң багып, менин аялым бол! - деп суранды.

- Жок, мен кетишим керек, сен мага ыраазы бол, кала албайм.

- Эмнеге, мен сени ойундагыдай карайм, сен кетпе, айылыңа өзүм алып барып келем.

- Болбойт, сен мага капа болбо! - Мариям аны карап ыйлап жиберди.

- Өзүң бил, - Джон аны аргасыз жөнөтүүгө макул болду. Колуна убада кылган акысын берди да төрөгөндөн туура он беш күндөн кийин салып жиберди. Мариям алыста, атасы тааныбаган элде өз канынан жаралган наристеси калганына жөнөп жатканда гана ичи ачышып сүлкүлдөп ыйлап келе жатты.

Анын азыркы эң биринчи максаты Бишкекке баргандан кийин Казакстанга баруу эле, жок дегенде сыртынан болсо да баласын бир көрүүгө ашыгып жатты. Бирок ал Даниярдын көчөдө ар кайсыны сүйлөп, башы оогон жакка басып кете турган болуп калганын өз көзү менен көргөндө жүрөгү чыдабай өзүн өзү каргап, өз башын өзү койгулап ыйлаарын сезбеди. Бишкекке жетип эле эски автовокзалга барды да Казакстанды көздөй жөнөдү. Ал өзүнө тааныш айылдын көзгө жакын көрүнгөн көчөсү менен кетип жатып үймөлөктөшүп ойноп жүргөн балдарды көз токтото карап калды. Балдар бирөөнү чыбык менен чапкылап, улам качып кайра кубалап атышканынан кызыга басып барса Данияр, балдар улам аны чыбык менен чукуп, дагы бири таш ыргытып койсо кубалап жатыптыр. Көргөн көзүнө ишенбей мууну калтырап, көздөрүнөн мончоктогон жаш куйулуп тушалып калгандай көзүнө тагынган көзайнегин акырын өйдө көтөрүп койуп бүткөн бойу бүлкүлдөй жан дүйнөсү сыздап жүрөгү ооруп турду: "курган жаным ай, ушунун убалы… ". Терс бурула берип туш келди кетип жатты, ал азыр караңгы түндө жол таппай калган жолоочудай, бурганактуу бороон улуган аязда тоңгон жаш кайыңдай солкулдап кетип жатты: "байкуш ай, акылынан адашып калган тура, бир жарым жылдан бери ушундай абалда болсо таежем мени каргабай коймок беле, оо кудай кечире гөр, күнөөмдү кечир, мен бейбак, жыйырма бешке чыкпай жатып башыма ушунча күнөөнү үйүп алдымбы?" деп ойлонуп баратып айлана күүгүмдөнүп калганын билгенде жүрөгү шуу эте чоочуп алды да кайра: "жан таттуу экен ээ, Элмардын өлүмүнө Даниярдын ушул абалга келишине мен гана күнөөлүмүн го, эми мен өлүмдөн коркуп турам да?" деп арышын жайлата басып "гостиница издеп бүгүн түнөп алайын", дегиче артынан үч-төрт жигит ээрчип келатканын байкады да тез-тез кадам таштады. Анын тездегенин көрүп тигилер да артынан бута атымдай жете келди, жанынан ары-бери өтүп жаткан элден гана тартынып тургандай болбосо чымчыктай чыркыратаары бышык болчу. Айласы кеткен Мариям жолдун бойундагы магазинге кире калды. Кийген кийими чет элдик, бойу узун сулуу кыз киргенде магазиндегилер ага кызыга карап калышты. Ал алардын көз карашынан дагы корко баштады. Акыры ал соода кылып жаткан кызга кайрылды:

- Чоң кыз, мен сиз менен бир мүнөткө сүйлөшсөм болобу, - ал ыңгайсыздана жанындагыларды карай, - бир азга дүкөндү жаба туруңузчу? - деди.

- Эмнеге? - дүкөнчү кыз таң кала суроолуу карады бейтааныш четэлдиктерге окшош кызды.

- Бир мүнөткө эле…

- Болуптур, - дүкөнчү кыз эки-үч клиентти сыпайы кечирим сурап чыгарып эшигин жапканда Мариям:

- Чоң кыз мени сыртта үч-төрт жигит акмалап келди, мен бул жерлик эмесмин, кудай үчүн мени калкалап кой, бул биздикине келген конок деп койсоң унчукпай калгысы бардыр… - деп тиги кыздан жакшылык күтө жалооруп жиберди.

- Ошол элеби? - дүкөнчү кыз шаңк эте күлүп жиберди, - сиз бул жерден коркпоңуз, эч ким тийе албайт, анткени менин атам милициянын капитаны, коркуп да ийменип да турушат, - ал сүйлөп жатып эшигин ачты, - эч нерседен коркпой эле отура бериңиз, түнөп алып эртең жарыкта кетсеңиз болот.

- Ох, - Мариям көөдөн кере үшкүрүп алды, - чоң рахмат, бактылуу бол чоң кыз, - анан ал стулга отуруп жатып: - атың ким? - деп сурап койду.

- Сауле, сиздин атыңызчы?

- Менин атым Мая, баса чоң кыз көчөдө бир адам балдар менен ойноп жүрөт, ал эмне болгон адам?

- Аа-аа сиз Даниярды айтып жатасыз го, ал бир-эки жыл мурун аялы бирөө менен кетип… - деп божурай баштаганда Мариямдын кулагы керең, көзү көр адамдай же сөз укпай эле мелтейип туруп калды. Бир топтон кийин гана:

- Ошого эле ошентип калдыбы, балдары бар беле? - деп билмексен боло сурады.

- Бир баласы бар имиш, ата-энеси багып жүрөт.

"Ик" деген Мариям ичинен онтоп алды, жүрөгү канжар менен тилгендей сайгылашып көздөрүн жумуп алды.

- Аа-а врачка көрсөтүшкөн жокпу?)

- Анысын билбейт экемин, ачуусу менен тамырларын кесип жиберген экен, катуу стресске учурап өзүн билбей калган экен, акырындап өзүнө келет дептир го врачтар.

- Үйүнөн чыгарбай койушса болмок экен анда.

- Ага болбойт да, алып кетишсе эле кайра качып кетет, үйүнө турбайт экен.

- Жаман болгон экен… - ошону менен сөз бүтүп Мариямды Сауле дүкөндүн ары жагына чыгарып үйүнө жеткирип койуп кайра соодасына кетти. Эртеси эрте туруп үй ээлерине ыраазычылыгын билдирип чыгып баратып Саулеге жолугуп жөнөй берди…

Ошентип… Мариям ошол бойдон аны да, уулун да, агасын да ойлободу, ойлогон менен бети чыдабады, Анан ушул "ишке" келип баарын, баарын унутууга, таптакыр башка адам болуп жашоого бел байлады. "Кечир мени аке, бир боорум, силер үчүн мен өлгөн адамдан айрымам жок, аман жүрсөңөр болгону" деп ойлонуп өз жашоосун кылдыратууга киришкен. Андан бери алты жыл өттү, өзүнө келип-кетип жүрчү адамдардын бирине күйөөгө тийип алган, эки баласы бар, болгону баягы Мариям эмес… Ушуларды көз алдына элестетип отурган Мая кошелогун күрмөсүнүн ичине катты да өз ишине киришти. Мамалаган кыздарына клиент келсе жүгүрүп кошелогун кампайтуунун аракетинде.

*** *** ***

Сарвиназдын акыркы курсу болчу, контрагын төлөй албай калып окуудан чыгып кала турган абалга жетти. Анын үстүнө деканы да ага тикелей асылып эле калды. Света болсо ага мал сатып бермек тургай күндө ичип Эмирди көзүнө илбей басып кетет. Эмир анын баскан-турганы, бары-жогу менен иши да жок, түнөрүп ойчул болуп кеткен. Көбүнчө ал шаарга барып Сарвиназ жашаган батирге бир жумадай жүрүп ага бир аз акча алып барып берип, экөө атасын эстеп ыйлап да алышат. Ушул жолу да Эмир келген, акыркы курстан кулап калаарына көзү жеткен Сарвиназ инисине эмне кылаар айласын таппай турганын айтканда ал үйүнө кетти: "сөзсүз калган малды сатып контрагын төлөп берем, эжем окуусун бүтүп алса болду" деп ойлонуп баратты. Үч күн мөөнөттүн ичинде төгүш керек эле. Сарвиназ бирге жүргөн курбусуна сырын төгүп ыйлап калды.

- Атамдын жогунан ушул болуп атпайбы, болбосо…

- Эй жиндисиң го, ушунча окуп алып анан кулап кала бересиңби?

- Эмне кылам анан? - Сарвиназ жаштуу көздөрү менен аны жалооруй карады.

- Мен сага бир нерсе айтайынбы… - кыз анын кулагына шыбырады.

- Койчу, кантип? - Сарвиназ аны көздөрүн чооң ачып таң кала карады.

- Ушинтип эле, эгер антпесең окуудан чыгып мээнетиң талаага кетет, атаңдын эмгегичи?!

Сарвиназ ойлуу отуруп калды, ичинен атасынын арбагынан кечирим сурап жатты: "айланайын ата, арбагың мени кечирсин, тагдырым ушундай болуп чечиле турган болду, кечир мени атаке" Акыры макул дегендей үнсүз башын ийкеп ал курбусун ээрчип мында келген эле.. .

*********

Света үйдөн кетип көрүнгөн жерде арак ичип өзүндөй аракечтерден таап алып жүрө берди. Тимур да андан кабар албады. Эмир жалгыз жашап кыйналды. Ал теңтуш күтпөдү, бойго жеткен жигиттей болуп кыз жандабады. Тууган-уругу чогулуп келип Эмирге акыл насаат айтып отурушту бир күнү:

- Уулум, жакшы эле кыйналдың, ырахматы Абалкан абдан жакшы киши эле, бейажал кетти, эми мындай: Света жаман болсо да сенин төрөгөн энең, алып кел балам, жээрибе, эне сүтүн берген энеңди талаага таштаба!

- Ооба айланайын, кокус ушинтип жүрүп өлүп калса сага наалат кылат элдер, өмүр бойу жаманаттыга каласың.

- Болуптур, алса алып келейин… - Эмир башын жерге салып отуруп айтты.

- Ошент айланайын, мына атаңдын өлгөнүнө үч жыл болуп баратат, апаңды алып келип, сен да үйлөн, катарга кошул, тууган-урук, жек-жаат сени кантип эле жер каратсын, өбөк жөлөк болуп беребиз.

- Рахмат абалар, ыраазымын сиздерге. - Эмир зээни кейип, үнү каргылданып барып токтоду. Чогулгандар бала болсо да ынамга келип макул болгонуна кубанып кайтышты. Эмир эртеси эле куш тилиндей кагазга катты катыра жазып алып шаарга жөнөдү. Анын ойуу Тимурду энесине ошол жүрүшүн бир көрсөтүү болчу. Кат мындайча жазылды.

"Тимур, ар намысы жок кандай немесиң, энең көчөдө "бомж" болуп жүрсө сенин керсейгениң, байлыгың эч нерсеге арзыбайт, сен ушуну түшүнөсүңбү? Анын көчөдө калып, көрүнгөн эркек менен жүргөнүн жалгыз баласы үчүн көтөрүп, баарына кайыл болуп жашап жүргөн күйөөсүн өлтүрүп койуп кенебей басып жүргөнүңө жол болсун. Айыл ичи алакандай, эмне болуп жатканы баарына маалым, Светанын айынан уулу теңтуштарынан корунуп, күйөөсү элден уялып жүрүп жакшы күндү көрүшпөдү. Светанын андагы шылтоосу сен элең, эми эмнеге ичип көчөдө калганын билип, ар намысың болсо энеңди алып келип ал! Болбосо көчөдө жүрүп итче өлүп калышы мүмкүн". Ушул катты Тимурдун эшигине таштоого түш ченде шаарга жетти да анын үйүнө жетип дарбазасынан катты таштап койуп басып кетти.

Арадан үч күн өтпөй Тимур келди, Эмир эшикте жүргөн эле ага салам айтса алик албай, эч нерсе билбегендей ары басты.

- Эмир, менин сенде сөзүм бар, токто бир ооз кеңешели.

- А менин сиз менен сүйлөшчү сөзүм жок!

- Токто дейм, апаң кайда?

- Менин апам эбак эле өлгөн!

- Оозуңа карап сүйлө, апаңды талаага таштап койуп заңгыраган ээн үйдө жалгыз жүргөндөн уялбайсыңбы?!

- Атамдан калган үйдө жашап жатам, эне болуп менин адамча жашоомду каалабаса, элден журттан уялбаса мага демек итке жем болбойбу!

- Ал кайда тентип жүрөт?

- Мен кайдан билем, кантип жүргөнү мени кызыктырбайт дагы.

- Мм, - Тимур оор күрсүнүп алды, - демек сен карарган бойдон экенсиң да, болуптур! - Тимур шарт бурула машинасына отурду да жөнөп кетти. Бир күн кечке айыл ичинен сураштырып таппаган соң кете берди: "ушундай да катуу, мерез адам болот экен да, бир энеден туулган эки бала… бир бирибизге катышпай, же энебизди карабай жүрүп жашоодон чоочун адамдай өтөбүзбү?" деп жолдо ойлуу кетип баратты. Ошондон тартып Тимур шаарда жүргөндө жол жолдо чаар сумка көтөрүп алып жүдөгөн бомждордун таштанды чукуп жүргөнүн көрүп машинасын жайлата калып карап калчу болду. Бул арада Сүйүнбек шаарда иштеген эки уулун, мугалим болуп иштеген кызын ээрчитип келип Тимур менен тааныштырып, бириктирүүгө далалат кылып отурду. Алар да жөн келишпептир, бирди сойуп кант, конфетти коробкалап алып, боорсок майды мол алып кийим-кече менен келишкен. Сүйүнбек бул учурда аялы жок болчу. Эки жыл мурун оорудан каза болуп калган. Эки иниси тең өздөрүнчө фирмалары бар чоң бизнесмендер эле. Тимур аларды жакшы кабыл алып, сырдашып сүйлөшүп коноктоду. Баарына кийит кийгизип белек-бечкекти мол салып берип жөнөттү. Ошол саатта Тимур Светаны ойлоду: "жакшы эне болсо Эмирди мени менен табыштырып, экөөбүзгө данакер болбойбу, ошонун жаман жактарын көрбөй чоңойгонум абийир болгон экен, Эмир андан көңүлү калып сыйлабай да калыптыр, кой мен апамды таап элди чакырып Эмирден улуу болсом да кечирим сурайын, табышайын, боорума тартайын" деген чечимге келди да отпускасы жакындап калганын эстеп: "отпуска бүткөнчө бир жаңсыл болойун" деп ойлоду. Үйгө келгенде ой басып баштагыдай болбой калганына аялынын санаасы санга бөлүнүп жүрдү: "Буга эмне болду, бирөөнү таап алган го, балдарга да баштагыдай үйрүлүп түшпөйт" деген ойдо жумуштан келгенде:

- Тимур сага эмне болду, баштагыдай эмессиң, чарчап жүрөсүңбү?

- Жок, эч нерсе болгон жок Нази, кабатырланбачы, бир аз өзүмө келип алайын.

- Деги бизди ыйлатып таштап кетпесең эле болду. - Нази ойлуу ашкана тарапка басты.

- Эмне деп атасың, өлүп эле калбасам… тирүү турсам силерге чымын кондурбайм жаным, азыраак күнгө чыдап койчу, отпускага чыкканда чогуу айылга барып бүтүрө турган иштер бар.

- Макул, макул, деги аман болсоң болду, - Нази кайра жайдаңдап күлө ашканадан чай, тамагын көтөрүп келди. Ошону менен башка сөзгө өтүшпөдү. Тимур жумушуна бараткан эле, жол бойунда жүдөгөн аял-эркек таштанды челегин чукулап жатыптыр. Аларды көрүп машинасын токтото калды, жүрөгү бир нерсени сезгендей "болк" этип: "кантип эле ушундай болуп калсын, балким Эмирге таарынып күйөөгө тийип алгандыр, мага да таарынды го, кылар ишти кылып койуп кечирим сурап барып бир тууганымды улуулук жолум менен боорума тарта албаганыма" деп рулда отуруп ойго түшүп кетти. "Эй Света, бери кел, мынабу бөтөлкөлөрдү баштыкка сал"! - деген үн анын ойун бузуп жиберди. Ары жакта жүргөн аял кыйкырган эркектин жанына жетип келип эңкейип бирдемелерди баштыкка салып атты: "Оо кудай, бул эмне деген шермендечилигиң, ушундай абалга жеткиче талаалабай өлсөчү, андай эле Эмир менен келише албай баратса мага барбайбы" деп машинадан бир күч аны түртүп түшүргөндөй тигилерди көздөй баратты. Жетип эле Светаны колунан ала машинасын көздөй жетелеп жөнөдү. Эч нерсени түшүнбөй калган шериктери делдейе туруп калды, Света башын көтөрө өзүн жетелеп бараткан Тимурду таанып үндөбөдү. Үстүндөгү кийими кийим деп айтаарлык эмес эле, кир, айрылган жерлерин эптеп жамап алган, көпкө чейин үн катпай өз ойлору менен алышып баратты. Тимур азыр Светаны үйүнө алып бара албайт эле. Ошондуктан аны туура эле Эмирге алып бармай болду. Эки сааттай жол жүрүшкөн соң алар айылга кирип келишти. Света дагы эле үн катпады, анткени уулунан ушул турушунан уялып атты: "эмне десе да мунуку туура, кайсы бетим менен каяша айтмак элем, азыр өлтүрүп койсо да эрк өзүндө, андан көрө Эмир экөө беттешип сүйлөшөбү же уруша кетишеби?" деп канткен менен энелик жүрөгү опкоолжуп атты. Эшиктин алдына келип токтогон Тимурдун машинасын көргөн Эмир үйгө кирип кетти. Света Эмирдин үйгө кирип кеткенин көрүп ичинен жини келип алды: "жашабагыр, агасын көңүл үчүн тосуп алгандын ордуна кирип кеткенин кара, атаң миң өлсө дагы, андан кырчындайлар өлүп атпайбы! Сени шашпа, Тимур кетсин, анан сени көрсөтпөсөм элеби" деп өз уятын, намысын ойлогондун ордуна кайра кекенип койду. Тимур машинадан түшпөй бир аз ойлуу отурду да:

- Мен эки күндөн кийин келем, алдагы кейпиңизди оңдоп адамдай болуп туруңуз, келиниңиз да келет, - деди да бир нерсени ойлогондой эскертти, - мен кеткенден кийин кайра дагы кетип калып жүрбөңүз, мына бул акчага керектүүлөрдү алып дасторкон даярдап туруңуз! - Света машинадан эки жагын карана тарткынчыктай түштү да үйдү көздөй басты. Ал киргенде Эмир аны келдиңби деп да койбоду.

- Ой бала, агаң үйдүн алдына келгенде "кел" деп койсоң боло, - деди өзү аны кекете.

- Менин агам да, энем да жок, бир гана эжем, бир тууганым бар менин! - Эмир тескери бурула сыртка чыгып баратып бурк этти.

- Өлүгүңдү көрөйүн жаш-шабагыр, деги сен кайдан чыккан балакетсиң ыя, канчага чейин кектейсиң атаңдын өчүн, жубарымбек кеткир.

- Атама тирүүсүндө тынчтык бербедиң, өлгөндөн кийин да асылганыңды токтотпойсуң, сен эмне деген аялсың? - Эмир жиндене кыйкырып жиберди, - кебетеңди оңдочу, желмогуздай болбой, эки бир тууганды бир бирине жек көрсөткөн так сенсиң, уктуңбу?!

- Оме-ей өлүгүңдү көрөйүн десе… - Света Эмирдин ачуулуу өңүн көрүп андан ары эч нерсе дей албады.

- Сенин албуут кыял-жоругуң болбосо атамды балаң өлтүрөт беле, өлтүрбөйт беле???

- Ооба, мен эле күнөөлүмүн … - деди да үйгө кирип кийим-кечесин алмаштырып мончо жага баштады. Ал чынында коңшу-колоңуна ушул түрү менен көрүнүүдөн уялып турду. Канчалык адам сапатынан кетип, жеңил ойлуу аял болсо да энелик жүрөгү, адамдык абийири көкүрөгүндө ойноп: "Мен акылсыз аялмын, жаман энемин, мага чала, болгон эки балам болсо ошону да … " деп ойлонуп жатып суу жылытып жуунуп даярданып, ашканасына кирсе баары ойдогудай, таптаза орду, орунда турат. Өзү уялды, ойлонду: "чынында эле ушул балама энедей мээрим төкпөптүрмүн да, атасы экөө эптеп өз оокатын жасап жүрүп үй оокатка да көнгөн экен" деп ушул азыр бир саам өткөндү эстей көзүнө жаш алды, уулун аяды, эне жүрөгү сыздады. Дагы эле Эмир анын маңдайына отурбады…

Эки күн өтүп үчүнчү күнү Тимур аялын, эки уулун, таттуу дасторконго койчу дүр дүнүйөнүн баарын алып келип түшүрүп Светанын оңолуп калганын көрүп кубанып алды ичинен: "Эми адам болоор, уяты болсо, элди чогултуп келейин" деп анан өзү көчө бойлоп басып жол бойундагы келинден сурай кетти:

- Чоң кыз, бул айылда айыл башчысы, аксакалдар же Абалкандын тууган-уругу кимдер экенин айтып бере аласызбы?

- Абалкан акенин туугандары бул эле жерде турушат, айыл аксакалдары деле жакын жерде.

- Анда чоң кыз, алдын ала кечирим сурайм, эгер мүмкүн болсо Эмир атасына куран окутат экен деп бала чуркатып эл чакырып бере аласызбы?

- Макул, - деген келин илбериңки үйүнө кирип кетти. Анткени Эмирдин өзүнүн тилин алмак тургай учурашпасын билип эл чакырууга атайы бирөөнү издеп чыккан. Тимур машинасындагы койду жетелеп кирип үйдөгүлөрдү бата кылууга чакырды да чечинип өзү сойууга киришти. Света менен Нази боорсок жасап дасторкон жайууга камынып атканда дагы бир машина токтоп Сарвиназ менен Кадырбек келип калды. Эмир аны жадырап жайнап тосуп алды. Кадырбекти мен иштеген кафенин "шефи" деп тааныштырды. Тимур Сарвиназдын керилген кыз болгонун Абалкан өлгөндө көрүп бирок учураша алган эмес. Кийин иштешкендери менен бир кафеге кирсе ошол жерде иштеп жатканын көрүп учурашып, таанышкан эле. Ал келээринде аны атайы чакырып келген болчу. Кек сактабаган, кичи пейил ак көңүл кыз макул болуп келген. Анын биякка келээрин уккан Кадырбек кошо келип анын элин, үй-жайын көрүп кетүүнү ойлонуп келген. Экөө баягы таанышкандан бери сүйлөшүп жүрүшкөн менен, Кадырбек ага үйлөнүү жөнүндө сунушун айта элек; "кыз экенде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат" деп илгеркилер төгүн айтпаса керек, демек сынайын жакшылап деп бир тууган эжесинин үйүнө жашатып койгон. Ошондон бери кайда барса чогуу жүрүшөт.

Аңгыча коңшу-колоң, туугандары, айыл аксакалдары чогулуп дасторкон четинен орун алып келиндер чай куйуп Тимур аксакалдар менен кобурашып отурду. Качан гана эт желип куран окулуп бүткөндөн кийин Тимур сөз баштады:

- Аксакалдар, бир азга аярлап туруңуздар, менин сиздердин алдыңыздардан өтүнүп кетээр өтүнүчүм бар! - деди да Эмирди, Сарвиназды чогуу чакырды. Алар келип отургандан кийин тамагын кыра астыртан Эмирди көз кыйыгы менен карап койду, - аксакалдар, абалар өзүңүздөр билесиздер… мен жездемдин өлүмүнө себепкер деген күнөө менен иниме жек көрүнүп калдым эле, ачыгын айтсам андай эмес, бирок булар урушуп жатканда келип калып гана кабылып калдым… Менин сиздерден суранычым, улуу болсом да инимден сиздердин көз алдыңыздарда кечирим сурайын, бир энеден туулган эки бала, эки бир тууган бет карашпай калдык, же меники туурабы же иним Эмирдин ушунусу турабы калыска салайын деген элем… - деп отургандарды кыдырата карап отуруп калды. Эмир ордунан туруп кетейин дегенде Сарвиназ аны этегинен тарта отургузуп койду.

- Ап баракелде уулум, мунуң жүйөөлүү сөз экен, "кекти каапырга бер" деген сөз бар, Эмир балам, мынчалык көктүк сендей эр жигитке жарашпайт, өзүң деле нары тур бала эмессиң, ойлон, бир энеден туулган экенсиңер, улуу башын кичик кылып, кызматым бар деп керсейбей арбак үчүн деп келип отурганына ырахмат. Табышып, агаңды жадырап узат айланайын, - деди айыл аксакалдарынын бири. Анын сөзүн бул айылдыктар эки кылчу эмес, Эмир үндөбөй башын жерге салып отуруп калганда Сарвиназ үнүн саал калтырагандай чыгарып:

- Аталар, мүмкүн болсо мага бир ооз сөз бериңиздер, аял кишинин тиешеси канчалык деп айып көрбөсөңүздөр? - деди.

- Айт айланайын, айып эмес ойуңдагыны айта гой! - аксакал ага башын ийкей сөз күтүп калды, - Сенин да айта турган тиешең бар.

- Абалар, аталар, Эмир жаштык кылып жатат, ажал айтып келбейт дегендей атам мезгилсиз өтүп кетти, ага айла жок. Тимур инимдин сөзүнө мен кошулам, экөө тең менин иним, Эмир сиздердин, ага-эжесинин сөзүн жерге таштабайт! - деп Сарвиназ Эмирди карады.

- Кызым туура айтат, баарыңарды бириктирип данакер болчу Света, эненин сөзүн бала качан укпай койчу эле, кана чакырчы Светаны! - деп Абалканга жакын аталаш тууганы Сазыкбай эшикке карап үн салды. Света өзүн күнөөлүүдөй сезип, ары элден уялып эшикте жүргөн. Кирбей койо албады. Ал киргенде жапырт карап калышканда босогого ыңгайсыз абалда жер карай отуруп калды.

- Келиним, мына эми уул-кызың чоңойуп калды, тескери жолдон кайт, Абалкан байкуш чынчынына келгенде сенин кесепетиңден өлүп, мынабу балдар бир бирине жат болуп отурат, ооруну жашырсаң өлүм ашкере деген, биз сени жакшы билебиз, эми эсиң барда этегиңди жаап, ушуларга баш көз болуп бактылуу байбиче болоор кез келди, бакытты кармай албаган аял акылсыз аял, ушундай зыңкыйган уулдарың, туубасаң да тутунган кызың турганда кубанбайсыңбы. Уул-кызыңды жер каратпа! - деди кайнагасы. Света уятынан өлүп көргө кире албай, кара жердин катуулугунан отурду.

- Апамда деле күнөө жок, бала үчүн эненин алтымыш тамыры зыркыраарын баардык эле эне билет, ал айып тагдырда, эми апама денсоолук берсе биздин келип кетээр үйүбүздө тосуп алаарыбыз, - Сарвиназ Светаны карады, - Биздин ырысыбыз да, кутубуз да ушул апам! - деди көздөрүнө жаш кылгыра. Света аны башын шак көтөрө карап: "Тобоо, ушул кызга эмне деген гана кордук көрсөтпөдүм, мени кектебей, жаман көрбөй кутубуз дегени эмнеси, мен акылсыз … " деп кайра башын жерге салып үнсүз отуруп калды.

- Кана айланайын Эмир, агаңдын күнөөсүн кечирип мындан ары сыйлап аласыңбы, бу отургандардын көзүнчө агаң менен табыштым деп жакшылап көрүш айланайын, - Сазыкбай Эмирди карады. Көпкө чейин башын жерге салып ойлуу отурган Эмир:

- Элден чыгып кайда барам, ушунун баарына апам гана күнөөлүү, атам экөөбүздүн эл караган жүзүбүздү жер каратып, атамды кандай гана кыйнабады, аны өзүңүздөр деле жакшы билесиздер, туугандар арасында башын өйдө көтөрбөй жүрүп өттү, аны Тимур акем билеби, билбейт, менин ордумда болсо ал да мендей эле энеден кечип коймок! - деди үнү кардыга, - ушундай энеден төрөлгөнүмө өкүнүп жүрөм!

- Кой айланайын, андай дебе, "уй мурдун сасык деп кесип салбайт" демекчи, энени кече албайсың, убактылуу ызаланганың тарайт! - деп аксакал карыя айтканда Тимур башын жерге сала отуруп: "аттиң, мен күнөөсүз адамдын канын мойнума көтөрүп алган экемин, энем… энем ушундай экенин мурда билсем… " деп ичинен өкүнүп, отурган элден уялып да кетти.

Ары айтып, бери айтып жатып Эмир менен Тимурду жараштырып туугандары, колу-коңшулар үй үйлөрүнө тарады. Өздөрү калып кайра эле кетишмек болгон Сарвиназды коноктоп калышты. Ошондо Кадырбек өз ойун ортого салды:

- Менин сиздерге айтаар сөзүм бар, апа, - ал Светаны карады, - эмки жумада кадимки кыргыздын салты менен ата-энем алдыңыздарга келет, биз үйлөнөлү деп чечтик, эгер каршы болбосоңуздар, - деди эле Сарвиназ уяла жер тиктеп, "эмне айттың" дегендей Кадырбекти кылгыра карады.

- Ийи айланайын, Сарвиназдын деле убагы келди, өзүңөр макулдашкан болсоңор биз эмне демекпиз, - деди Света шыпшына.

- Биз деле каршы эмеспиз, бактылуу болуңуздар! - Тимур чын пейилинен айтты, ал ага ыраазы болуп отурган: "Эстүү, өңдүү түстүү болсо, неге күйөөгө тийбейт", деп ойлоп жүргөн эле, - Келээр күнүңөрдү айтып койуңуздар, биз дагы куданы кудадай күткөндөй бололу.

- Ооба, ошенткиле айланайын, эл журт, тууган урук деген бар…

- Эмки жумага сүйлөшкөнбүз, бүгүн кокусунан эле келип калдык,

- Макул айланайын, тилегиңерге жеткиле, - Света чын пейилинен айты, - душман көзүнө жакшыраак узаталы, бир кызым болсо…

Мамыры-жумуру болуп өкүнүч, таарыныч арман, кектин баары артта калып эзелтеден бир үйбүлөдө чогуу өскөндөй божурашып, тээ түн бир оокумга чейин отурушту. Сарвиназ менен Кадырбекти узатып койуп үйгө киришкенде Тимур Светаны карап:

- Эми жакшы жүрүңүз, баары артта калды, эгер дагы адатыңызга кетсеңиз мына эки балаң экөөбүз тең кайрылып барып, тирүү эмес өлүгүңүздү издебейбиз! - деди кабагын сала.

- Кечирип койгула балдарым, мендей акылсыз энеңерди, эми эч жакка кетпейм, - деп улутуна жер карап үшкүрүп алды жеңилдене.

- Уятымдын айынан өлө албай аз жерден калдым, менин беделимди түшүрүп, аксакал, көк сакалдардын айтканы мен үчүн абдан кыйын эле болду. Ага чейинкиңизди билбегениме өкүнөм, эгер ушундай экениңди билсем жоголгон бойдон өзүмдү таанытпай өтмөкмүн! Акыл айтуунун ордуна элүүдөн ашканда талаалап жүргөнүңүз уят!

- Болду балам, болду… - Света келининин алдында жер караган бойдон күңкүлдөй араң сүйлөдү.

Тимур эртеси Эмирди кыса кучактап коштошуп үйбүлөсү менен жолго чыкты. Айыл-апа аларды уу-дуу кеп кылып жатышты.

- Света кара жерге кирсин, байкуш Абалкан деле ушунун айынан өлбөдү беле, ушундай татынакай балдары турса ичпей балээ эле ичпейби!

- Ошону айтсаң, үй-жайы турат, мал-кели деле, өлбөстөй оокаты бар, эси жок аял аягынан бузулат эмеспи.

- Андай эрге тийгиси келсе күйөөгө тийип жашап кетсе деле болмок да?

- Ошого эле жакшы эр жолдо жатыптырбы, теги өгөй кызы Сарвиназ өңдүү, түстүү, эстүү, жогорку билимдүү отузга чыгып калды тийбей жүрбөйбү.. .

- Чын эле, ал эмне күйөөгө тийбей жүрөт ыя?

- Кайдан билем, ардактап тосуп алаар ата-энеси жогунан корунуп жүрсө керек да бечара, - Аялдардын сөзүн беритен угуп турган коңшу аял сөзгө аралашты:

- Ага көрсөтпөгөндү көрсөтпөдүбү, кыз абдан эстүү, ошо Светанын жаманынан, төркүнү жогунан корунуп жүрөт окшойт.

- Кудай албаган жаман, өзү тигинтип ичип жүрсө ого бетер өгөй өөнчүл болуп, көңүлүн калтырса керек?

- Ой, ал кайра "апам" деп аны жактай сүйлөп жатпайбы, эстүүлүгү ошо да!

- Байкуш десең - Бекерчиликтен сөз таппай отурган ушакчы аялдарга кудай мындайда бербеспи. Ал уу-дуу басыла электе эле арадан бир жума өтүп кетти. Болжогон күнү Тимурдун үйбүлөсү менен Сарвиназ келип калды. Даярдык бүтүп туугандары чогулуп кой сойулуп майрам күнкүдөй күлкү коштоп көңүлдүү отурушканда эки машина келип калды. Бирин абдан кооздоп койуптур. Ал эки жашка арналган машина эле. Кадимки кыргыз салты, себин, көшөгөсүн, кийим-кечесин берип Сарвиназ өзү ала келген шөкүлөлүү аппак көйнөк ага куп жарашып баягы кеп кылып жаткан аялдар эми тамшанып отурушту.

- Бечара, бактылуу болсун эми, энеден көрбөсө барган жеринен көрсүн!

- Ооба десең - түшкөн жери, күйөө бала жакшы окшойт, дегеле биздин айылдан мындай шаан-шөкөт менен кыз узатканын көрө элекпиз.

- Көрсүн бечара, энеси болбосо да инилери акыл эстүү болуп багы бар экен.

Алар ошентип айтып отурушканда кирип чыгып жүргөн Света угуп эч нерсе дей албады, башка убак болсо алар менен уруша кетет беле ичинен тынып тим болду.

Аңгыча кыз жигиттер ойун куруп короонун ичиндеги бакта ырдап бийлеп жатышты. Кыздар жездекелеп тамашалай сөз, ыргытып койушат. Ойун зоок куруп, жакшы ырдагандар менен кайым айтышка, бийге түшүп айылдын жаштары чардап чыгышты бейм. Кеч кирип кыз-күйөөнү жолуктураарда тамашалап бир жеңесин отургузуп койуп күйөө баланы көрүндүк алып киргизип ийгенде ал келин такыр жүзүн ачпай качып отуруп анан келем деп босогого жеткенде:

- Кармап ал, жетсең сеникимин, жетпесең арманда каласың! - деп жүгүрүп бак аралай басканда Сарвиназ алдынан чыкты эле ал күлгөн бойдон ары качып кетти. Алдынан чыккан Сарвиназга жеткизбей дагы бир келин тосуп:

- Күйөө бала, көрүндүк, кызыкебиздин кыялы кымбат, көңүлү акак, жүрөгү жумшак, кана күйөө бала жолдугуң? - деп жолуктурбай үйдү көздөй алып кетип калды. Күйөө жолдош менен Кадырбек кайрадан үйдү көздөй басып баратканда беш-алты кыз чыгып:

- Жездекемдин кулагын чойобуз, чыдаса жездекем эжекемдин баркына жетет!

- Жездем март көрүнөт, эжекебиздин бактысы чоң экен! - дешип үйгө кирип баратканда кулагынан чойуп калышты.

- Балдызжан, не десең аткарайын кулагымды өз жайына кой! - деп Кадырбек да күлүп калды. Үйгө кирип баратканда баягы келин:

- Кана, кана күйөө бала ырдап кирсин! - деп такылдап кирди. Сарвиназдын жанында өңчөй он, он бештеги кыздар отурушкан, - Күйөө жолдош, кана күйөө баланы куткар! - дегенде эки жигит келиндин колуна көрүндүк берип экөө тең безеленип ырдап киришти. Кадырбек Сарвиназдын жанына жеткенде кыздар орун бошотуп ары жылып беришти.

Той кызуу жүрүп, күйөө бала менен кызды отургузуп кыз-жигиттер ыр ташташып, шаан-шөкөт менен өтүп жатты. Эртеси көшөгөдөн кыз узатмайга Света кыз узатуу кошогун билбегендиктен Сазыкбайдын аялы Узунчач өзү коштошуп, эки жеңеси чачын өрүп атты:

Кудагый, кызымдын көкүлүнө шуру такканбыз,

Көлөкө жерге бакканбыз!

Айдай жүзүн айга өптүрүп,

Көркөмдүү үйгө бакканбыз.

Кудагый, кызыма хазаардык шуру такканбыз,

Ардактап жүрүп бакканбыз!

Кудагый, бөпөлөгөн куш бердим

Бапестеп бүлө кылып ал!

Күн тийбес жерге баккан кыз аа - а,

Күйпүл ала болбосун,

Жүдөтпөй бүлө кылып ал! -

дегенде баары кол чаап сүрөп калышты.

- Баракелде жеңе!

Ошондо Кадырбектин апасы эки келини менен келип отурган эле, кызды алып кеткени. Отурган жерден жооп кыла:

- Кудагый, көлөкөдө баксаңыз, көкүлүнө шуру таксаңыз, ыймандуу келин болуп, барган жерин сыйласа, алган жарын ардактаса, апалап ызаат көрсөтсө, айтылуу келин дедиртип, алчактатып аламын. Кыларман келин билерман дейт, кудагый, кызымдай көрүп ар убак мен дагы сыйлап аламын, ыраазымын кудагый, ушундай кушту уулумдун тууруна кондуруп бергениңерге! - деп ордунан туруп келип Сарвиназды колтуктай тургузганда эки келин алып эшикке чыкты. - Элиңден кетип барасың балам, алганың менен тең кары, артыңды короо толо мал бассын, алдыңды ак уул, кызыл кыз бассын! - деп артына кайрылып конфет печение чачып жиберди. Ошондо тургандар:

- Бактылуу болгула, өмүрүңөр узун болуп, эки жакка тең караган кыз-күйөө, келин-уул болуп эч жамандык көрбөгүлө! - деп карыя аксакал баш болуп колун жая бата берип ийишти. Сарвиназ машинага жетээрде Тимур менен Эмир барып экөө эки жагынан колтуктай отургузуп коштошушту. Артынан кол булгалаган жаштар, айыл эми кызыга да, тамшана да карап турушту.

Тимур бул тойду баштан аяк өзү көтөрдү. Сарвиназ ушул ирээт өзүн бактылуу сезип, көзүнөн мончок жаш кулаганын сезбей калды. Ал Кадырбектин бир топ улуу экенине карабады, анын мүнөзүнүн жумшактыгы, жапакечтиги жагып: "өмүр бойу ушул адамды бактылуу кыла алсам экен, көңүлүн оорутуп, беделин түшүрбөсөм экен" деп ойлоп баратты. Кадырбек анын шурудай мончок жаштарын көрүп түшүндү, бактынын, кубанычтын жашы экенин билди. Шарактап анча-мынча ичип алган жаштар ырдап баратышты. Алардын арасында досу Турусбек да бар эле. Ал тамашалап Сарвиназга тийшие кетти:

- Ээ аяш, ушу бүгүн кабак бүркөп капа болоор күнбү, досум элде болбогон тойду баштап, илгерки Семетейдин Айчүрөгүндөй эле кылды го?

- Досум, ал Семетейдин Айчүрөгү болсо, Сарвиназ менин Айчүрөгүм, - Кадырбек Сарвиназдын жүзүнөн сүйө, колун ийнине артып кубанычтуу каткырды.

- Койдум, койдум дос, аяштын көңүлүн ачып, үйгө урушкандай болбой жаркылдап, ойноп-күлүп баралы деген сөз да.

- Түшүнөм, каалаганыңарча тойлогула, үйдө бизди күткөн достор, классташтар толтура! - Аңгыча айылына кире бергенде беш-алты аял жолго туурасынан аркан тосуп калышты. Күйөө жолдоштун бири түшө калып жүз сом сунду эле алар бата берип жолду ачып койду. Ошентип үйүнө жеткиче үч жерден аркан тосушту. Турусбек да досунун көңүлүн алуу үчүн түшө калып эки жүз сом сунду. Жолдогу аркан тосмой салттан кутулуп үйгө жете берерде бир топ келин-кыздар:

- Келин келатат, келин келатат! - деген балдарды үйгө жүгүртүп өздөрү машинаны токтотуп келинди түшүрүп колтуктап алып жөнөштү. Келинди үйгө киргизип көшөгөсүн тартып, келген себин келиндер жыйып бака-шака түшүп, бири келинин көрүп келип башына жоолук салса, бири көрүндүктү берип кайненеге дагы жоолук салып:

- Айланайын ак жүздүү, ак жолтой келин бол, алганың менен тең карып, ата-эне, кайын журтту сыйлаган келин бол! - дегенде Сарвиназ аппак жоолугу жүзүн жаба эңкейип жүгүнүп жатып: "оо кудай ушул бактымды кут кыла көр, мени Кадырбектен башка болсо ошондо эле абийиримди төгүп койуп басып кетсе бул күнгө жетет белем же… же тебеленип кала берет белем?" деп канчалык жүгүнгөн сайын кудайга жалынып: "Тимур да абдан эстүү болуп чоңойгон экен, аттиң анын атамды өлтүргөнү.. Же чын эле канбасымы көтөрүлүп кеттиби?" деп, айланасындагыларга көңүл бурбай ойлуу отурду. Кечке маал кыздын жеңеси келди машина менен. Ал кыз-күйөөнү жаткырып койуп анан кетмекчи. Аны тосуп алышып сый көрсөтүп кечинде уул-келинге даярдалган бөлмөгө төшөк салып койуп чыгып сырткы бөлмөдө жатып калышты. Кыз денеси суу жээктеги камыштай дирилдейт, акырын жанына келген Кадырбектен сүрдөй көздөрүн жумуп ийди. Кадырбек дагы жаңы үйлөнүп жаткан жаш жигиттей жүрөгү түрсүл кагып, колдору калтырай кыздын киймин чечип кирди… Бир кезде кыздын "Аа-аа" деп кыйкырган үнүн уккан сырткы бөлмөдөгүлөр баары, айрыкча жеңеси кубанып калды: "кудай уруп канча жылдан бери шаарда жүрсө, эмне болгонун ким билет, сүйүнчү алып мен да кубанып барсам экен" деп ойлоп жаткан келин "ох" деп алды ойунда: "байкуш кыз абийирин таза сактаган экен". Ася Сазыкбайдын үчүнчү келини эле, Узунчач жөнөткөн болчу.

Эртеси эртең менен күйөө бала сыртка чыгып кеткенде ал кирип барып төшөктү ачып карай салып шейшепти алды да сырткы бөлмөгө чыкты:

- Кудагый, келиниңер эркек төрөдү, сүйүнчү! - деди эле кудагыйы кубана ордунан туруп сандыгынан көйнөк, жоолук алып чыкты да:

- Оозуңа май, айланайын кудагый, мына көрүндүгүң! - деп кийит-кечесин кийгизип, колуна акча карматты. Кайрадан кыз жеңесин коноктоп сүйүнчүлөп Сарвиназдын кыз чыкканын Светага да сүйүнчүлөдү. Өткөн өмүр, баскан жолу, балдарынын өктөө таарынычы, эл ичиндеги ушак-айың аны жумшарткан белем, сүйүнчүгө келген өзүнөн жаш абысынын коноктоду.

- Рахмат, жеңе болуп барып келгениңе, жетим кыздай томсортпой кыз абийирин сүйүнчүлөп турганыңа! - деп ал дагы жоолук салып, колуна акча берди.

- Жеңе, жалгыз кыз болсо барбай кантип коймок элем, кайненем: "кой балам, Сарвиназ капа болуп өксүп калбасын" деп жөнөтпөдүбү, - Ася абысынына ыраазы болуп көйнөк-жоолугун, көрүндүккө түшкөн акчаларын алып алды да кудуңдап үйүнө жөнөдү.

Кадырбектин мурунку аялы анын өзүнөн жаш билимдүү кыз алганын угуп алып күйүп-бышып, эки баласын кийинтип алып кайнатасынын үйүнө жетип келди. Бул кезде Сарвиназ менен Кадырбек тура элек болчу. Эрте турган Тагай эртелеп келип калган эки небереси менен келинин көрүп чоочуп кетти, бирок билдирбей неберелерин өөп-жыттап, келини менен баш ийкей учурашты.

- Келип калыпсың балам, балдарды алып келип жакшы кылыпсың! - Тагай асте гана сыпайы сурады.

- Келдим… Кадырбектин үч баласы турса, дүңгүрөтө той берип кыз алды деп уктум, андай экен ушул балдарды ошо келиниңиз баксын!

- Аа-аа балам, балдардын көңүлү деп жүрө берсең болмок, сени биз кетирген жокпуз, өзүң кеттиң, үч жылдан бери кайрылып же балдарды алып келбедиң, эми кеч! - деди Тагай.

- Эмнеге кеч дейсиз, мен ушул жерде жашайм, баксын балдарын! - Кермекан долулана үйдү көздөй басканда кобур-собурду угуп чыгып келаткан Касиет эне кеткен келини менен неберелерин көрүп бир эсе делдейе калды да, кайра неберелерин өөп учурашты.

- Ии, кайдан уулум? - деген кыраакы эне келинине эмес небересине суроо узатты.

- Келин алыптыр деп көргөнү келдик! - Кермекан кергиштей сүйлөдү.

- Келгениң жакшы айланайын, көрсөң келин бала тура элек, жоо чаап келатты беле, укташсын деп тим койдум, күтө тур, ойгонсун! - Касиет эне да ага атайы ушинтип койду эле Кермекан чарт жарылып кетти:

- Каныкейдей кыз алгансып керилип уктап жатканын, балдарым бар эле деп ойлогон жокпу?

- Каныкей десе Каныкейдей, Айчүрөк десе Айчүрөктөй эле келиндүү болдум кудайга шүгүр, сен өз бактыңды көтөрө алган эмессиң, сени да түшкө чейин ойготпой өз ойуңа койбодук беле?

Бака-шака үндөрдү уккан Кадырбек ордунан туруп баратып бейкапар таңкы таттуу уйкуда жаткан аялын өөп, кийинди да сыртка чыкты. Аны көргөн Кермекан:

- Ийи, Айчүрөктөй катын алып, сулуу аял менен түшкө чейин уктап, балдарыңды эстебей көпкөн экенсиң?!

- Менби же сенби, өз бактыңды көтөрө албай … - ушул учурда Кадырбекке эки баласы жармашып калды:

- Ата-ата, мен эми кетпейм! Ата!

Балдарынын сөзү Кадырбекти бир азга сөз айтууга алсыз кылып туттуга түштү.

- Ушул балдарды эмнеге ойлогон жоксуң? - Кермекан ызалана жашка муунуп кетти.

- Сен өзүңдүн күнөөңдү билбейсиңби, башымды көп оорутпай азыр жогол, балдарды болсо таштап кет, кааласаң! - Кадырбек үйгө кирип кеткенде эмне кылаарын билбей туруп калды ыйлаган бойдон.

- Балам, биз сени кодулаган жокпуз, экөөңөр жашай албадыңар, эми эсиң болсо тынчын алба булардын, ал да сендей эле бирөөнүн баласы, өзүң уят болосуң, кадырыңды кетиресиң. Тагай экөөбүздүн күч кубатыбыз барында багып чоңойтуп, өзүбүз карайлы, үч баланы тең берип койуп өзүңдүн багыңды ойлон! - Касиет эне жумшак сүйлөдү, - ушунча үйлөнүп алган неме сен келгенде эле кетирип ийет дедиңби, жок балам, эми сенин жолуң башка-аа!

Кермекан Кадырбектин карабай кирип кеткенине ызаланып буркурап ыйлады: "арадан бир топ убакыт өттү, мени көргөндө, балдар менен барганыма ичи жылып мени кечирет, кечээ эле келген немени кетирип мени алып калат, анткени мени Кадырбек сүйөт" деген ойу бар эле, баары таш капты. Үн дебей ыйлаган бойдон кайра баласын жетелеп чыгып бара жатканда ойгонуп кеткен Сарвиназ угуп, анын ыйлаган үнүнө боору ооруп чыга калды. Кадырбектин "токто кайда барасың" дегенине болбой чыгып, кетип жаткан Кермекандын жолун тосо калды, анын жаштуу көздөрү жанындагы мотурайган эки бала, кудум эле Кадырбектин өзү, Сарвиназдын жүрөгүн канатып ийди:

- Токтоңуз, сиз эмес азыр мен кетем, мен эчтеке билген эмесмин… - келинди жалооруй карады.

- Кыркка чыккыча катын ала элек деп ойлодуң беле, же өзү эч нерсе айтпадыбы? - Кермекан ызалуу көздөрүн кадай сурады.

- Жок-жок, мени кечирип койуңуз, кыскасы сиздин күйөөңүз, сиздин ордуңуз, мына мен кетем! - Сарвиназ аны токтотуп үйдү көздөй жөнөгөндө Кермекан да, Тагай менен Касиет да, Сарвиназдын артынан чыгып келаткан Кадырбек да үндөбөй карап туруп калышты. Ушул саам алар эч нерсе ойуна келбей бир гана Сарвиназга таң калып турушту. Эсине келе калган Кадырбек Кермеканга жетти да:

- Сен калган күндө да мен сени менен жашай албасымды билип туруп эмне келдиң эй акмак, экөөбүз алда качан сот аркылуу ажырашпадык беле? - деп жаактан ары чаап жибергенде кийинип колуна пакет көтөрүп чыгып келаткан Сарвиназ жетип Кадырбекке тике карап:

- Эмнеге уруп жатасыз, мен өзүм үчүн эмес, мына бул балдар үчүн кетип жатам, ата-энесиз бала… ата-энеден жат өскөн баланын көргөн күнү курусун! - деп ыйлап эшиктен чыга берээрде Кадырбек аны колдон ала токтотту:

- Токто, экөөбүз тең кетебиз, токточу?!

- Балдарды кантесиз?

- Аларды өзүм багам, кийим-кечесин берип турам.

Кермекан дендароо болуп туруп калды, кетээрин же калаарын билбей, жапжаш, татынакай, чачын узун кылып кыркпаган, бой келбети жарашып турган келиндин боорукерлигине, кичипейилдигине тан берип: "тобо-оо, мунун ордунда болсом мен минтип айтат белем же кошо кубалап чыгат белем, мурун кайда жүрдүң деп" деген ойдо эч нерсе дегенге чамасы келбей, көзүнөн жаш да чыкпай бозоруп босогодон чыгып баратты…

"Аттиң, аялдын чачы узун акылы кыска деген чын белем, Кермекандын өлөрманданып келе турган жайы жок эмес беле, ойноштук кылып Кадырбектин көзүнө чөп салган өзү, соттошуп нике кагазын да кестирип бүткөнүнө үч жыл болсо да келип турганын көр!" деп берите карап үндөбөй турган Касиет ойлуу. Кадырбек Сарвиназды үйгө алып кирди:

- Ошо курусун, менин көңүлүм калбаса эмнеге үч баламды таштамак элем, балдарды бербей ала качкан да өзү, болбосо сотто баланы өзүмө бер деп айткам.

- Мен энем өлүп мээрим көрбөдүм Кадырбек, атам мени кандай эркелетсе өгөй энем ошондой каарып, атама да суук тилин тийгизчү, ошон үчүн балдарды аяп кеттим, сени мен атайы бузуп алгандай жүрөгүм чыдабай кетпедиби.

- Оо-ой жаным ай, ушу сенин чымчыктыкындай жүрөгүң оорубай калсын алтыным, балдарды атайы бетине кармап келген тура, болбосо бизге бербейт.

- Аны кайдан билдим … - Сарвиназ ойлуу отуруп калды.

Эртең мененки чайга отурушканда Кадырбек:

- Ата, биз эми шаарга кетели, жумуштар калды, эртең жолго чыгабыз, - деди ата-энесин алмак-салмак карай, - Балдарды таштап кетсе алып калгыла ата, чоңойуп деле калышты, силерге деле зыяны тийбейт, мен кийим-кечесин өзүм алып берем.

- Берсе аларга кемпир экөөбүздүн пенсиябыз деле жетмек, курган келин бербей атпайбы.

- Берсе ана, бербесе мына, - Касиет эне сөзгө кошулду, - аларды бетине кармап, балдар менен барсам жибип кетет деген го кургур.

- Эмне болсо да кайрылгыс болуп кетти.

- Ошонусу жакшы болду, келиндин боорукерлиги, ага жан тарта сүйлөгөнү аны таң калтырды окшойт.

- Ким билет, кыскасы келди, кетти, - кобурашып күн шашке болгуча отурушту. Андан кийин Касиет уул-келинине берчү төшөнчү орунун камдап, көшөгөсүн өзүнө берип:

- Балам, муну бекитип ал, кийин кызыңа бересиң - деди эле Сарвиназ күлө:

- Койуңузчу, ага чейин алып жүрө бермек белем? - деп жылмайып калды. Кам-чому бүтүп, машинага бир чоң койду салып алып жолго чыгышты. Аларды шаардын ызы-чуусу, будуң-чаң жашоосу күтүп жаткан. Ошентип Сарвиназ бактылуу жашоого бет алды.

Эпилог

Ооба жашоонун табышмактуу сырын чечкен ким бар, сырдуу көчөдө жабалактап, топтошуп алып турган кыздарды күндүзү көргөн адам байкабайт деле, болгону көчө бойунда эс алып же жумуштап тургандай сезилет, анткени клиенттердин көбү кечинде келет, күндүзү аларды тааныштары гана акырын келип алып кетишет. Бул жердеги үчкө бөлүнгөн питактын кээ бирлеринин гана сыры билинип, ал эми миңдеген сырлар жатпайбы, аны ким токтотот, ким бейпил жашоого үндөйт?

Күндө эрбең-сербең этип түн бир оокумга чейин оромолорун сатып келип-кетип жүргөн бечара аял далай кыздардан саткан тамагынын акчасын алалбай, бирок ошол арада күнүмдүк нанын тапканга ыраазы.. .

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз