Айгүл ШАРШЕН


" Кайрылып келген бакыт"


Ата-энесине таанышкандан кийин эки ортодо ого бетер эркелеп каалаганын жасачу болду. Турус кызынын табылганына сүйүнүп-сүрдүгүп, анын оозунан чыкканын аткарып, Калкыбекке, ага туш келип кызынын тирүү калганына ыраазы болуп жүрдү. Энеси Калыянын бактысы андан да ашып түшүп, төрөгөн балдары түгөл маңдайында турганына жаратканга миң мертебе алкыш айтып, эң кичүү уулунун бойго жетип келатканы демине дем кошуп, бакыттын кучагында.

Жайдаркан атасын карап дале үйдө жүрдү. Эркинди күтсө да ал баягыдан кийин келгенин токтоткон. Калкыбектин улуу баласынын аялы каза болуп, үч баласын алып келип койгон. Анда-мында тамак-аш, кийим-кечесин алып келип турат. Атасынын карып калганы аны бир ойлонтсо, балдарынын энесиз калганы бир санаага салат. Акыры шаардагы жумушун таштап, айылга келди. Айылда жумуш жок, атасынын мал-салын карап жүрүп, акыры гаражга токарь болуп ишке кирди. Жайдаркан толгон айдай толукшуп, чолпон жылдыздай жаркырап айылда көзгө көрүнгөн кыздардан эле. Ал Эркинден кийин эч ким менен сүйлөшпөй, бир гана атасы менен алек, агасынын балдарын карайт. Жамгырбек үйгө келгенде эң кичүүсү Эрболду ойнотуп, аны менен сейилдеп кетип кечки тамактанууда гана чогуу болчу. Ал Жайдарканга мурун тиричилик жөнүндө гана кайрылып сүйлөбөсө, көңүл да бурчу эмес. Бирок ал негедир аны жалдырап карай берчү болгон. Оюна ар кайсы келип: "Жайдаркан карындашым абдан татынакай тура, бойго да жетип калыптыр. Баса, бул менин бир тууганым деле эмес, эгер..." деп ойлонуп алып уялып калчу. Өзүн ага катары көрүп, эркелеп чоңойгон, ата-энеси өз баласындай көргөн кызды кантип?.. Ошондон тартып Жамгырбектин көз карашы ага өзгөрүлө баштады. Айлыгы тийгенде ага толугу менен берет:

- Жайдаркан, муну өзүң үнөмдө, балдарга кийим-кече кыл, өзүңө ал, өзүң билгендей пайдалан.

- Аке, мен атамдан чыга албайм го?

- Атамдын жанында балдар туруп турат. Унду өзүм алып келип берем, макулбу? - деп сырдуу жылмайып кетип калды.

Жайдаркан үнсүз колундагы жүз сомду кармап туруп калды: "Мен ушуну баарына жеткире аламбы?" деген ойдо болду. Дүкөнгө барып үч баласына бут кийим, ак көйнөк алды, шекер, май, чай, дагы керектүүлөрүн алгандан кийин алтымыш сому калып калды. Ашыкча сарптаганды, жакпаган буюм алганды өзү деле жактырчу эмес. Жамгырбектин көз карашы аны эч кандай кооптондурган жок. Бирок ал ага тартылганын өзү да сезбей баратты. Жамгырбек өзү тамашакөй неме. Балдары менен ойноп, аларды алаксытууга аракеттенип, Жайдарканды кошо тамашалап калчу болду. Калкыбек ооруп төшөктө жатып калганда карандай Жайдаркан карап, кийим-кечесин жууп, өзүн жуунтуп, которуп, тамак-ашын даамдуулап берип жанынан карыш чыкпайт. Туура жарым жыл жатып, Калкыбек дагы дүйнө салды.

Жайдаркандын ата-энеси батага келип кетти. Жайдарканды алар алып кетебиз деп айта албады. Анткени ал атасына өтө кайгырып ыйлап жаткандыктан, ооздору барбай кете берди. Жыл өткөнчө ал өз ата-энесине каттабады. Алар өздөрү, эжелери менен иниси келип-кетип жатты. Ошондо гана Жамгырбек анын акыры кетээрин ойлогондо тынчы кете баштады. Ортончусу Элина ага өтө жакын болуп, күнү-түнү жанында жатчу. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры Жамгырбек акыры Жайдарканга жагуунун амалын жасоого өттү. Адегенде туулган күнүнө жанын үрөп тапкан акчасына көйнөк, жоолук, туфли алып келип коюп койду да: "Туулган күнүң менен, Жайдар!" деп бадырайта жазып үстүнө тоонун гүлүнөн алып келип коюп, өзү жумушка кетип калды. Бул күнү анын баккан атасынын күбөлүккө болжолдоп жаздырган күнү болчу. Ошондон бир жумадан кийин Турус менен Калыя аны инисин жиберип чакыртып алып, чыныгы туулган күнүнө кой союп, эжелери чогулуп аны куттукташты. Ойлонуп, күнүгө жол караган Жамгырбек абдан жаман абалга келди. Ал турсун ооруп жатып калды. Коңшусунун баласынан Жайдарканды чакыртып алды.

- Сизге эмне болду, аке? Ооруп калдыңызбы? - деди Жайдаркан келип эле ага үйрүлө жанына отура калып.

- Кичине тумоолодум окшойт, сени ойлой берип... - Жамгырбек көзүн ала калып сүйлөп жатты. - Жайдаркан, кагылайын, сен кетпечи. Элина дагы сени аябай сагынды, инилериң да сурай берип тажатты.

- Кечирип койчу, аке, мен көпкө жүрүп калдым. Эми эч качан кетпеймин, - деп Жайдаркан ыйлап жиберди.

Чынында Жайдаркан аны өз бир тууганындай эле көрчү.

- Эже, сен кайда кетип калдың? Мен аябай сагындым, кетпеңизчи бизди таштап! - Элина дагы ички бөлмөдөн чыга калып кучактап ыйлап ийди.

Бирок Жайдаркан өз ата-энесинин айтуусу боюнча жазда окууга кетмек, ал аны айтпады. "Өз убагы келээр, түшүндүрөм. Ага чейин Жамгырбек акем үйлөнсө менин жолум ачылып калат" деп ойлоп атты. Жамгырбек бойго жеткен кызды көпкө кармай албасын түшүндү. Адегенде ини-карындаштары менен эже-агасын чогултуп оюн айтты эле, алар алды менен чоочуп кетишти, акыры улуулардан кеңеш суроону чечишти. Жамгырбек айылдын молдосуна барды. Ээндетип андан кеңеш сураганда:


- Бул кызды апаң бакканда эмчек эмизген жок беле? - деди ага карап.

- Ошонусун билбейм, бирок ал кезде эң кичүүбүз биринчи класста окуп калган болчу.

- Эгер эмчек эмбесе, силердин каныңар башка болсо шариятта жол бар, кокус апаңдын эмчек сүтүн эмген болсо болбойт!

- Аны мен эжемдерден сурап көрөйүн...

Жамгырбек башын жерге сала чыгып кетти. Эжесине барса Жайдаркан эч качан апасынын эмчегин эмбегенин айтты. Ошондогу Жамгырбектин сүйүнүчүн айтпа!

Атайын Жайдарканды үйүнө жиберип коюп, артынан агасы, туугандарынын аксакалдары, жеңелери болуп он чакты киши келип эшигине түштү. Турус алардын келгенинен күмөн санаган деле жок, бирок: "Эмнеге булар ушунча адам келип калышты? Эмнеси болсо да сыйлап жөнөтөйүн" деген ойдо конок камын көрүп кой сойгонго киришти. Ошол кезде Калкыбектин бир тууганынын баласы, алтымыштардагы Тойчу кеп баштады:

- Турус, биздин келген себебибизди түшүнбөй жаткандырсың. Сөздү алыстан баштасак да болоор, түшүнүктүү болсун үчүн... - деп жанындагы молдону карады эле, ал башын ийкеп койду. - Жайдаркан биздин кыз, бирок ата-энеси силерсиңер. Биз өз кызыбызды өзүбүзгө бүлө кылганы келдик.

- Ботом, Жайдаркан силердин да, биздин да кызыбыз, бирок бүлө дегениңерге кандай түшүнсө болот? - Калыя аларды таңдана карады.

- "Жакшыны жатка чыгарба" деген сөз бар. Илгертен баккан кыздын эли-жери, каны башка болсо аны өз баласына алып берген салтта бар эмеспи. Жамгырбекке Жайдаркандын колун сурап келдик.

- Ошо кантип болсун? Аны менен мунун кандай айрымасы бар, экөө бир тууган го? - Турус саал ачуулангандай жанындагы уулун көрсөтө сүйлөдү. - Кудайды карап иш кылсаңар боло?

- Иншалла-аа, бу шариятта бир ата, бир энеден болсо, же эмчектеш болсо нике жүрбөйт, калганына куранда, шариятта жол бар, - молдо тамагын кыра аларды кыдырата карады. - Бул кыздын никеси дал ошо балага байланыштуу.

- Ээ, "молдонун айтканын ук, кылганын кылба" деген, силер минтип шариятты сүйлөп жаткан менен эмне иш кылып атканыңарды ким билет? - Турус ачуулана колун силкти. - Бизде дагы чоң молдо бар, азыр эле аны алдырып келем. Эгер ошол кызымдын тагдырын айтып берсе, мен макулмун!

Турус ордунан туруп сыртка чыгып кетти. Калыя алда качан эле сырткы бөлмөсүндө кызы менен отурган. Жайдаркан уккан менен эч нерсе дебеди, ыйлап басылды: "Кызык, Жамгырбек акем кантип мени алам деп айтмак эле? Булар чогулуп алып ага үйрөтүп жаткан го?" деп ойлогон менен, алардын үстүнө кирип барып өз тагдырын чечүүгө даабады. Анткени ал кездеги кыздар ийменчээк, ыйбаалуу, өзүнүн кадыр-баркын билген кыздар эмес беле. Бир аздан кийин Турус жетимиштердеги айыл эли сыйлаган чоң молдону ээрчитип келип калды. Аны көрүп отургандар жабыла орундарынан тура калып, төргө өткөрүштү.

- Молдоке, - деди төрдө жуучулукка келген молдо жигит аны карай ээк кага, - Баккан кыз ошол баккан эненин эмчегин эмбесе, каны бирге болбосо, никеге жол барбы?

- Ас-ста-афуралла! - Ал отургандарды кыдырата карап сакалын сылады, - Баккан эне эмчек сүтүн эмизбесе экөө таптакыр башка адам да, никеге жок болот! - деди башын ийкей.

- Анда биз Жайдарканды келин кылып алсак болот экен да?

- Болот, бирок экөөнү бир тууган кылып өстүргөн эне-атанын макулдугу менен гана!

- Алар экөө тең оо дүйнө кеткен, анда кандай болот? - Тойчу молдону суроолуу карады.

- Андай болсо ал маркумдардын арбагынан кечирим сурап, куран түшүртүп жолун жасагыла.

- Рахмат, молдоке. Биз жакшылык менен келдик эле, жакшылыкча бүттү, - деп отургандар дуулдап ийишкенде Турустун улуу кызы кирип келип атасынын жанына жүйүртө отура калды да:

- Кечиресиз, молдоке. Мейли, шариятта жол бар дедиңер. Бирок Жайдаркан эми он сегизге араң чыкты, Жамгырбек отурза, үй өткөрүп үч баланын атасы болгондо уялбай баккан кызга жол бар деп үйлөнгөнү жатканы бизди сөзгө сөлтүк кылып жаткан жокпу? - деди аста сүйлөп.

- Балам, эркек канчалык улуу болсо да аялда жаштык болбойт. Кыздын насиби ошол жерде экен, - Чоң молдо көзүн жума жооп берди. - Экөөнүн никеси алладан...

- Ата-энесин сыйлачу элем, балдары мындайга барат деп ойлобопмун. Мейли, бирок менин бир шартым бар: кызымды быйыл окууга жөнөтөм, окуусуна кирсин, андан кийин өзү билсин! - деди Турус.

Ал каршы экенин көпчүлүктүн көзүнчө айта албай туттуга ачуусу келип турса да ушинтти. Отургандар ага да макул болуп кайтты.

Жайдаркан аябай ойлонду, Жамгырбек байкесинин балдарын эстеп, көрүп келүүнү самады. Оюнда өсүп-өнгөн үйүнө барып ал үйдүн төрүндө бажырая илинип турган ата-энесинин сүрөтүн көрүп андан кечирим сурагысы келди. Жаштыгы, балалыгы өткөн үйгө каалаганда барууга акысы бар экенин сезди. Канчалык өз ата-энесине имерилмек болсо да аларга көнө албай жүргөнүн өзү жакшы билет. Ошондуктан аны бир ыйык сезим өскөн үйүнө жетеледи. Апасы анын кийинип жатканын көрүп ага суроолуу карады:

- Кайда жөнөдүң, кызым?

- Наси келип кет деди эле, бат эле барып келем.

Жайдаркан калп айтып, үйдөн чыгып кетти. Калыя ага катуу айталбай калып калды. Жайдаркан тездеп басып коңшу айылга жөнөдү. Ал келгенде Жамгырбек үйдө жок эле. Балдар ойноп жанып анын келгенин байкабай да калышты. Жайдаркан ички үйгө кирип барып төрдө жанаша түшүп күлүмсүрөп өзүн карап турган эң жакын адамдарын тиктеп көпкө турду. Көзүнүн жашы жүзүнөн ылдый мөлт-мөт этип жамгырдан кийинки шүүдүрүмдүн тамчысындай ээктен көкүрөгүнө тоголонуп атты: "Атаке, апаке! Силерди аябай сагындым! Көргүм келди. Жок дегенде сүрөтүңөр менен үнсүз тиктешип алсам эс ала түшөм. Асылдарым менин, силер мен үчүн кымбат элеңер. Башкадан эмес, өзүңөрдөн эле туулгандаймын, - Жайдаркан улутунуп алды. - Өз ата-энемди силерчелик көрө албадым. Канчалык үйрүлүп түшүп турса да силердей мага жакын эмес, чоочун адамдардай эле көнө албай койдум. Билесиңерби, мени Жамгырбек байкеме алып бермек болушуптур, неге? Эгер силер тирүү болсоңор ошентет белеңер? Баккан кызыңарды өз уулуңарга алып берүү оюңарга келер беле? Айткылачы, атаке, апаке, эркелетип өстүргөн секелегиңерди ошон үчүн бактыңар беле? Тагдырымды ымыркайымда эле жараткан түбөлүк ушул үйгө буйруп койгондур, ким билет? Бирок, атаке, менин максатым бар эле да, окусамбы дегем. Кечирип койгулачы, апаке, мендей акылсыз кызды. Күч коротуп, мээнет тартып бакканыңарды актай албайт окшойм. Жүрөгүм ээлигет, чымчыктай чырылдаган жандүйнөм өзүнчө жамандыкты сезгендей көңүлүм чаржайыт ойдон ооруп турат. Ушул менин силер менен окыркы коштошуум болсо керек. Мен эми алыска кетем, таптакыр алыска!" - деп өзүнчө жүзү жашка жуулуп сүйлөнүп жаткан Жайдарканды сырттан кирип келатып тыңшап турган Жамгырбек нес болуп тура берди. Артына бурула берген Жайдаркан аны көрүп бүткөн бою дүр эте нестейди.

- Жайдар, эмне болду сага? - Жайдарбек жетип келип аны бооруна кысты. - Кечирип кой, карындашым. Кечир мени, менин бир боорум, садагам десе, кечиресиңби мени?! - Жамгырбек дагы көзүнө жаш алып ийди. - Осол ойду ойлогонумду кечир! Ата-энемдин алдында арбагынын алдында сенден, кудайдан кечирим сурайм, оюмдан кайттым, садага! - дегенде:

- Байке, байкебайым, менден кечирим сурабай эле коюңуз, алтыным акетайым! - деп Жайдаркан ого бетер эчкирип ыйлап жатты. Ошол убакта Эрбол менен Элина кирип келип экөөнү элейе карап туруп калышты.

- Мына ини-сиңдиң, өз үйүң, өлөң төшөгүң. Кетпе эч жакка, инилериңди ойнотуп, баштагыңдай жүрө бер! - Жамгырбек Жайдаркандын жашын аарчып, маңдайынан сүйдү. - Кичинекейим, секелегим, атамдын жакшы көргөн эркеси! - деп улутуна ата-энесинин сүрөтүн карады. - Кечиргиле, ата, апа, мен осол ойлоп алыпмын, силердин кызыңар, менин карындашым...

- Аке, капа болуп кыйналбай эле коюңузчу. Эң башкысы, сиз мени түшүнгөнүңүз жакшы болду. Ишенсеңиз, аларга көналбай койдум. Аларга биякка келээримди айткан эмесмин, барып эртең келейин, ээ? - Жайдаркан Жамгырбекти бажырайа күлө карады.

- Ма-акул, эртерээк кел. Жакында мен дагы үйлөнсөм балдар менен үйдө болосуң, макулбу? - Жамгырбек да ага жылмая карады.

Жайдаркан чыгып кетти. Артынан ойлуу узата карап калган түндө көргөн түшүн көз алдына келтирип отуруп калды. Түшүндө какыраган ээн талаада жүрөт, же канаттуудан көрүнбөйт, же тоо көрүнбөйт, түптүз талаа. Кайдадыр кетип жатат, оозу кургап, көзүнөн суу учуп, тамчы сууга зар болду. Буту шилтенбей баратып жыгылып кетти. Ошол убакта апаппак көйнөкчөн апасы башынан жөлөп жылмая карап суу сунду:"Балам аа-ай, неге жаман ойду ойлодуң экен? Жайдарканга эмчек сүтүмдү бербесем да элик сүтүн бергендей кылып атаң экөөбүз кандай мээнет менен бакпадык эле. Ал сага бир тууган экенин унуттуңбу? Же сен бизди кечип кеттиңби, уулум? Арам оюңдан кайт ушундайда, атаң да сага нааразы болуп жатат! Мегой, бул суудан жутуп ал дагы үйгө бар, балдарыңа эш болуп, тээ өйдөңкү көчөдөгү Чырбайдын кызы Чачыкейге үйлөнүп ал. Ал сени күтүп жатат!" дегенде өйдө болуп сууну каны ката жутаарда: "Болду, балам. Бул сенин түбөлүк өмүрүң, түгөтө ичпе" деп апасы ордунан турганда атасы анын жанында туруптур: "Бар уулум, акылдан адашпа. Апаң туура айтат, ал сенин бир тууганың, ага андан көрө өбөк-жөлөк болчу сенсиң. Бечара ансыз да өзүн жалгыз сезип сыздап жүрөт. Ага силер жакшы карап бооруңарга тарткыла" деди атасы дагы. Анан: "Кош, уулум. Биздин убакыт бүттү, кетели эмесе" деп экөө бурула берип баспай эле учуп бараткандай каалгый кетип жатты. Жамгырбектин тили күрмөөгө келбей көпкө туруп, анан: "Ата, апа-а!" деп кыйкырып жибергенде чоочуп ойгонуп кетти. Боргулдана тердеп, өпкөсү көбө демигип, алыс жактан чуркап келгендей күйүгө ордунан турду. "Бул эмнеси? Арбак билет деген чын окшойт, экөө тең мага нааразы болсо оңбой калмак экемин да. Көрсө ата-энемдин мени эскертип жатканы тура. Кой, Жайдаркандан кечирип сурап, аны үйгө алып келип, өзүм башкага үйлөнөйүн. Аны карындашым катары сыйлайын" деп суу ууртап сыртка чыкты. Анан балдарын тургузуп улуусун окууга жөнөтүп, өзү жумушка кеткен.

Жайдаркан жүрөгү ээлигип толкундана, көңүлү өрөпкүй үйүнө жөнөп кетип жатканда анын жанынан жүк машине жандай өттү да өтө берип токтоп, кыздын чыркыраганына карабай аны салып кетишти. Машине заңгыраган үйдүн эшигине токтотуп, жабалактаган аялдар ага өпкө-жүрөгүн чаап үйгө жетелеп киришти. Анын жулкунуп ыйлаганына да карашпай:

- Айлаанайын, кыз деген ушинтип эле келин болот, биз эмне, кемпир болуп төрөлүптүрбүзбү? Ата-бабадан келаткан салт. Эмил жигиттин гүлү, сени жактырып калганынан ала качып отурат.

- Ооба десең, кыз ыргыткан таш. Кыз жыргаар жерине ыйлап барат деген.

- Бечара десең, көрбөй-билбей чоочун үйгө бүлө кылып койгонун карабайсыңбы жараткандын, - дешип башына жоолук салып көшөгөгө отургузуп коюп, жаштарды жанына киргизишти. Эмил узун бойлуу, чап жаак, акжуумал, ачык-айрым жигит. Жаштар менен катар ал дагы отурду. Улам ыйлап жаткан кызды карап койот. Тең курдуу кыздар аны сооротуп, жоолугун оңдоп салып тынчтандырууга аракеттенип жатты.

- Балдар, Эмилдин бактысы тоодой экен ыя. Сулуу кызга туш болду. Кана эмесе,

- Эмил менен Жайдаркандын бактысы үчүн ичели, - деди бири колуна стаканды кармай, - Бактылуу болгула, ар дайым үйүңөргө достор толуп, душманың жок болсун!

- Бактылуу болгула!

- Эмил, Жайдаркан, бактылуу болгула!

- Көшөгөңөр көгөрсүн!

- Үйүңөрдө бала ыйлап, корооңордо мал толсун!

- Айтканыңар келсин! - Эмил бактылуу болуп, жүзүнөн жылмаюусу кетпей, саал тартына Жайдарканды карады. - Сүйүүбүз түбөлүк болсун, ээ?

- Кайдагы сүйүү? Мен сени сүймөк тургай көрбөсөм... - Жайдаркан аны карабай кызара жер карады. - Эмнеге сүйлөшпөй ала качасыңар?

- Эчтеке болбойт, кыздарга айтып койсоң, жакшы көрүп турса да кыз кылыгын көрсөтө берет, ха-ха-ха!

- Ошону айтсаң. Чыныгы сүйүү сүрдүү болот. Сени көрсө эле сүйлөй албай калса кантип сүйлөшөт?

- Чын эле, "сүйөм-күйөм" дегендер жүрөгүнөн сүйбөйт. Сүйүүсүн билдире албаган жигиттин сүйүүсү күчтүү, чыныгы таза сүйүү!

Бакылдашып атканда сырттан бир аял баш багып:

- Балдар, сыртка чыккыла, кудалар келатат. Кыздар келиндин жанында отурсун! - деди эле, балдар сыртка шашыла чыгып жөнөштү.

Жайдаркан: "Кимдер келди экен? Жамгырбек акемди айтыштыбы, же тигилерди айттыбы?" деп бозоро босогону карап ойлоп отурганда: "Кана каякта? Эмнеге айтпай-дебей ала качасыңар? Көңүлү барбы же жокпу дебейсиңерби?" деген улуу эжесинин үнү кулагына шак дей түштү. Аңгыча ал өзү кирип келди да:

- Кагылайын ай, кибиретип сүйрөп баса беришкенин кара! - деп ордунан тура калган Жайдарканды кучактай калды, - Айтчы деги, сүйлөшүп жүрдүң беле?

- Жо-ок, сүйлөшмөк тургай көргөн эмесмин! - Жайдаркан эжесин кучактап койо бербей ыйлай берди. - Алып кеткиле мени, бул жерге отурбайм, алып кеткиле!

- Капырай, жакшынакай эле отуруп калбадың беле, айланайын? Кой садага, эшик аттагандан кийин бата, куран деген бар, өнүп-өскөнүңө жакшы.

- Кой, кудача, жаш неме силерди көрүп коркконунан дагы ошентип атат го. Кой айланайындар, жаман жер эмес, бала андан жакшы, жападан жалгыз бала.

- Болсо боло берсин, алып кетем. Чыркыратып туруп кантип таштап кетем? - Эжеси аны кучактаган бойдон сыртка карай басканда босогодо карылыгы жетип, сакалы жайкалган сүрдүү карыя пайда болду:

- Кайт, айланайын. Төгүлүп-чачылып, "уулубуз жар күтүп, уучу узарып, очор-бачар болсо экен" деп пейилинен гүл төгүлгөн ата-эненин назарын сындырбагыла! - деп тура калып өтүнгөндө:

- Назарыбыз сынбасын десе эшигине барып адамдай сүйлөшүп албайбы? Кадыры жок адамдын кызын алгансып жолдон сүйрөй качкан кантип болсун? Жолду тоспоңуз, бир мүнөт койо албайм! - деп эжеси жетелеген бойдон чыгып баратканда:

- Балам, өлбө-житпе, жамандык көрбө, өз этегиңден айтпай бирөөнүн баласына зар болуп өт, оомийин! - деп алаканын оң-тескери кылып бата бергенде жарданып тургандардын ичинен кошо бата бергени да, туура эмес кылып жатканына чалга нааразы болуп:

- Бекер кылды, жаш немеге ушунча бата бергени туура эмес, бул дагы бирөөнүн баласы да, - деп бири айтса, дагы бири аны коштой кетип атты:

- Ооба десең, капырай. Өздөрүндө да бала бар, бирөөнүн баласына анча душмандык кылгандын кереги жок эле.

- Бул болбосо Эмилге дагы бирөө насип болоор, кызды бекер каргады.

- Эмне болсо ошол болсунчу, жөн эле отуруп калса болмок, мындан ашык балага тиймек беле? - дешип алды-алдынан тарашты.

Жайдаркан ыйлап-сыктап ата-энесинин үйүнө келди. Анын көңүлүн көтөрүп жанынан чыкпай ата-энеси күйпөлөктөп атты. Турус: "Бекер кылган экен, жакшы жер эле. Бактысы байланып калбагай эле" деп ичинен ойлонуп жатты.

Алтымышынчы жылдар өтө оор болуп, килолоп ун, кант беришип, жеткени жетип, жетпегени эптеп кара жарма менен жан сактаган убак. Турус ошондо орто чарба эле. Мээнеткеч, жер айдап эгин бастырып, бир топ элден дурус жашачу. Жайдарканды педучилищага жөнөттү эле, өтпөй калып шаарда иштеп калды. Негедир өңдүү-түстүү болгон менен жигиттерге көңүлү чаппай, өтө басмырт болуп кетти. Уктаса уйкусунан чоочуп ойгонот, түшүндө баягы чал алаканын оң-тескери кылып алып бата бергени кирип, кыйналып жүрдү. Ата-энесине келип айтты эле, алар:

- Карангүн ай, бекер кылыпсың, кызым. Бата жаман болчу эле, - Апасы аны кейий башынан сылады.

- Атасынын оозун урайын, эртең эле барып алдынан өтүп, кечирим сурап келем, - деди Турус бакылдай, - Жээри бир кой да?

- Убара болбогула, ата, кудайдын жазганын көрөөрмүн, - Жайдаркан атасын карады. - Өзү жалдырады дешпейби?

- Антпейт. "Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч" деген бар, батасын кайтарып алсын! - Турус оюнан кайтпады.

Эртеси килейген ирикти тирүүлөй өңөрүп алып Эмилдин чоң атасы Кутман карыянын эшигине түштү. Туугандар дүргүй түштү, таң калганы да, башкача ойлогону да болду:

- Капырай, "кызымды кайра алгыла" дегени келди бекен ыя?

- Койчу, кантип эле? Жөн-жайы бардыр да..

- Ким билет, андан бери алты ай өттү, кызы эмгиче күйөөгө тие элек. Окууга барып өтпөй келиптир, - деп узун кулактарын түрүп калышты.

Турус киргенде Кутман карыя төрдө отурган эле. Токсон жаштагы карыя адамдын эмне болоорун, алдыда кандай өзгөрүүлөр бар экенин биле койчу. Аны эл кадырлап, "Кутман аба" деп кайда болбосун аны төргө чыгарып сыйлап турушчу.

- Атсало-ому алейкум, Кутман аба! - деп Турус колун куушура салам айтып киргенде карыя өйдө болуп алик алды.

- Аллейкум салам, кел Турус, келипсиң! - деди сунган колун ала.

- Келдим аба, келип калдым... - Турус төрдөн орун ала сөзүн эмнеден баштаарын билбей колдорун ушалай жер карады, анткени ал киши абдан сүрдүү эле.

- Бу, келчү эмес элең, - деп аны караганда келиндери дасторкон жайып чай сунуп калды.

- Аба, сиздин алдыңызда өйдө-төмөн деш мен үчүн күнөө болоор, бирок айтпаска да болбойт. Балдар балалык кылган экен, кечиримдүү жансыз, калкты жарган калыстыгыңыз маалым, сөзүңүздөн, каргышыңыздан кайтыңыз деп өтүнүп алдыңызга келип отурам.

- Ээ Турусум, ооздон чыккан сөздү кайра кайрып алыш кыйын го. Мен ушул жашка келип назарымды сындырган адамды көрө элек элем...

- Кутман аба, жаштык-мастык дегенди, көңүлдүн күл экенин да билесиз...

- Билем-билем, жүйөөлүү сөз. Улуу башымды аттады, неберем Эмилди да чанды. Ургаачынын өзүн өзү билгени акыр замандын жакындаганы го. Ата көргөн уул, эне көргөн кыз аттаган эшиктен артка чыкчу эмес эле?

- Кутман аба, Калмат уулуңуз деле эстүү жан эле, алдын ала эшигимди бир аттап кыз колун сурап барса болбойт беле? "Кызды сураганга, кымызды ичкенге бер" дегендей, андан аркысын сүйлөшөт элек го?

- Туура, ал күнөө бизден. Балдар жолдон ала качыптыр, бирок сөз билээр, салтты түшүнөөр бирөөнү жөнөтсөң болбойт беле?

- Жаштардын жаштыгын эске албапсыз, эми алдыңыздан бир өткөнү келдим. Күнөөсүн кечип, берген батаңызды кайра алыңыз. Курумду мойнума салып суранайын, аз айып, көп күнөөсүн кечиңиз балдардын?! - Турус тизелей калып курун мойнуна салып башын ийди. - Сизде да бала, неберелер бар, жаштык-мастык кылышыптыр...

- Өйдө бол, Турус. Жакшы киши минтип салбырабайт. Кеп-сөзгө келели, кеңешели, - Кутман карыя аны карыдан ала өйдө кылды. - Бир шартым бар, эгер макул болсоң сөзүмдү кайра алам!

- Айтыңыз, аба, кандай шарт болсо да макулмун. Ушу кызымдын багын байлай көрбөңүз, - Турус карыяга кулак төшөй, көңүл бура отуруп калды.

- Эмил азыр да үйлөнө элек, сенин кызыңды жактырып калыптыр. Эшигиңе ак кочкор байлатып, бээ баш кылып кулдук уруп балдар барат, ата салды менен кызды кайра өзүбүз келин кылып алалы. Жок дебей кызды көндүр, куда бололу?

- Мен сиздин сөздү кайра албайм, үйгө барып үйбүлөм менен кеңешип, туура көрүшсө камылга көрөйүн..

- Ап-бар-ракелде, Турусум! Ушундай болуш керек эле, балдар бизге кеңешпей жолдон ала качпаганда мындай болбойт эле. Эми да кеч эмес, мен Эмилди жеңеси менен жөнөтөм, сүйлөшсүн.

- Болуптур, Кутман аба. Сиздей адам менен куда болсом кудайга миң мертебе ыраазымын. Кыз эмне дээр экен... - Турус ойлуу түнөрө калды.

Аңгыча жүйүртө баскан эки келин арыдан-бери ысык шорпо куюп келип сунду. Анын артынан булоолонгон этти табакка көтөрүп келип, Кутман карыянын алдына коюшту.

- Кел, Турус, тамакка кара. Кечээ согум сойдук эле, пейилиң түз жакшы адамсың, дал үстүнөн чыктың. Калмат кечээ шаарга кеткен, бүгүн келип калаар. Кел эмесе, тамакка карайлы, - Кутман карыя колун чарадагы этке жаңсап, Турустун алдына устукан жылдырды.

Турус көпкө отуруп, анан дасторконго бата кылып ордунан турду. Кутман карыя сыртка кошо чыгып бир аз сүйлөшүп туруп калды эле, бир жигит Турустун атын алып келип аткарып койду. Үйүнө келген Турусту көргөн Калыя алдынан утурлап чыкты:

- Кандай барып келдиң, деги жакшы эле кабыл алдыбы?

- Кабыл албагандай эмне. Андан көрө сүйлөшчү кеп болуп калды, - Турус атын мамыга байлап, камчысын бүктөй кармады да, аялынын алдына басып үйгө кирди, - Жайдаркан кайда?

- Уулжандыкына кеткен, ал чакыртып ийиптир.

- Аа-а мейли. Эмесе кемпир мындай, Кутман аба бир шарт менен гана берген батамдан кайтам дейт..

Калыя аны ормойо карап калды.

- Кандай шарт экен? - деп күйөөсүнө "дагы эмне болуп кетти?" дегендей суроолуу тиктеди.

- "Кызды кайра келин кылып алабыз. Кулдук уруп куда түшөлү, ата-бабанын салты менен үйүңдөн алып кетебиз" дейт. Кыз макул болбосо кантебиз?

- Кудай ай, өз колумда өсүп, тарбияланса бир жөн, сен кеткенден кийин Жамгырбек келиптир...

- Ийе ата-ааңдын наалаты десе, эмнеге келиптир?

- Ой, ал өткөндөгүлөрүнө кечирим сурап, коркпой эле өз үйүндөй эле каттап турсун, айтканымдан кайттым, уят болдум дейт. Жакында үйлөнөт экен.

- Жайдарканга жолуктубу?

- Ооба, ал кете элек болчу. Экөө бир туугандай учурашып, сүйлөшүштү.

- Мейли... - Турус кайра эшикке чыгып кетти, өзүнүн бир тууган иниси айылдын этегинде совхоздун бир короо коюп багып сарайда турчу. Атын минип, ага кеңешип келүүгө жөнөдү.

Турус келгенде Эрмек койдон жаңы эле келип чайга отурган. Агасын көрүп ордунан тура калды:

- Кел аке, кел, - Кол алыша учурашкандан кийин дасторкондо экөө көпкө сүйлөшүп отурушту.

- Ошол, Кутман чал мени талуу жерден кармады. Небереси андан башка кызга үйлөнбөй жаткан имиш.

- Аке, "кызды сураганга бер" деген. Андай эле кол куушуруп алдыңызга түшүп келсе "жок" дебеңиз. Кызың деле эстүү, ал өз бактысын ойлосо каршы болбос. Эмил жакшы жигит, бейбаш балдарга кошулбайт. Кантсе да түптүү жердин тукуму эмеспи.

- Мен да ошону ойлоп жатам. Кызың кургур эмне дээр экен? Энеси экөөнө сөзүм кыска болуп жатпайбы. "Сен талаага таштабасаң мындай болбойт эле.." деп... - Турус үңкүйүп отуруп калды.

- Ээ, эми ал өткөн да, аке. Бирок сиз да туура эмес кылгансыз. "Өз баламды өзүм өлтүргөм" деп өмүр бою ичиңизден кыйнабай табылып калганы жакшы болбодубу!

- Ооба десең. Аны бир айтасыңбы: типтирүү адам абдан күнөөлүү сезип, оорулуу болуп баштагам.

- Андан көрө мен казак келиниңди жөнөтөйүн, ал аны биякка алып келип сүйлөшүп көрүп, көндүрсүн.

- Ошент, кагылайын. Ага келиним жарайт, эртең эжесиникинен келип калат. Гүлзананы жөнөтүп ий, - Турус аттанып атып инисине катуу дайындады.

Атын теминип коюп ар кайсыны ойлонуп келатты. Өзүнүн калпыс ишин, "кыз төрөй бересиң" деп аялын уруп-согуп тынчтык бербей, ымыркайын колунан сууруп алып көөдөй түндү жара ыйлаганына карабай "ай-талаада ит-кушка жем болсун!" деп таштап салганын, ошентсе эле кыз төрөй берген аялынан өч алып көкшүнү сууй тургансып кыйратканын азыр эстесе бир эсе күлкүсү келет, бир туруп ошондой зөөкүрлүк кылганына айран-таң калып жини келет: "Кудай кулум десе кубарыңдын акысы барбы" дегендей, "көрөөр күнү бар болсо ажалдын оозунан кайтат" деген чын тура. Жараткан ымыркайды Калкыбекке жолуктуруп койгонун кара, болбосо өмүр бою "өз балаңды өлтүргөн канкор шүмшүк" деп Калыянын балээсинен кутулбай, өзүмдү кудай алдында күнөөкөр сезип жүрүп өтмөк экенмин" деп ойлонуп, жараткандын кудуретине таазим кыла жеңил "өх" деп алды.

Күүгүм ченде келип атын чөпкө коюп, мал жайлап жүргөн аялына жардамдашып козуларды энесинен бөлүп, козу-улактарын камап анан ээрчише үйгө киришти. Көнгөн адатынча Калыя күйөөсүнө төргө төрт бүктөп төшөк салып, жаздык койду да, өзү тамак даярдаганга өттү. Турус убагында аябай ичип жүрүп, ушу уулу көрүнгөндөн кийин таптакыр таштаган. Азыр колу-коңшуга айыл ичинде бир топ кадырлуу. Уулун жакында үйлөнтөм деп турган эле. Аны беш кыздан кийин көрдүк деп атын Бешубак деп коюшкан. Канчалык көзүн карап, оюндагысын жасаган менен ал абдан жоош, көп сүйлөбөгөн, сабакты жакшы окуп, мектепти үлгүлүү окуучу болуп бүтүргөн балдардан болгондуктан мугалимдик окууга киргизип коюшкан. Азыр шаарда, жакында андан кат алышып кубанычтары койнуна батпай турушкан. Анткени Бешубак "сүйлөшкөн кызымды алып барам, камынып тургула" дептир. Ошондон бери күнү-түнү сырттан машинанын үнү угулса кулак түрүп саксактап атышат. Күткөнү эле уулунун келинчек алып кирип келиши. Жайдаркан эжеси Уулжандын үйүнөн келээри менен апасынан жаңылыкты угуп унчукпады, бирок ойлонуп жатты: "Кызык, деги менин тагдырым эмне болуп аяктаар экен? Отурбай баса берип кайра барсам эмне дешет? Атасы өзү келип кызын таңуулады дешсечи? Коюн өңөрүп келип "кызымды алгыла дептир" деген сөз чыксачы?" деп ойлоп апасын карады:

- Апа, атам бекер барган экен, алар эми жагынып өзү келип кызын таңуулаптыр дешсечи?

- Кызым, атаң "кызымды алгыла" деп барган жок да. Каргыш деген жаман, ал киши адамдын өлөөрүн билген, каргышы ката кетпеген адам, сенин келечегиңден коркуп, каргышын жандырып батасын алганы барган.

- Балким, атам барбаганда алар келмек эмес, туурабы?

- Ойлонуп кайра келмек болуп атканда барган тура атаң.

- Эмне кылаарымды билбейм, апа. Ал баланын кандай экенин билбейм. Бир эле көрдүм, жашап кете аламбы, же...

- Багың ачылса экен, кызым. Көп эле жүрөксүй бербе. Күйөө болчу жигит жаш, өзүңө теңдүү, анан калса жакшы жердин баласы экен, сен аны менен бактылуу болосуң, мен сезип турам, Калыя Жайдарканды кучактап жүзүнөн сүйүп, чачынан сылап ойлуу отуруп калды: "Кудай ай, алда качан өлдү деп үмүт үзүп койгон кызым маңдайымда жылдыздай жанып турат, ушунум бактылуу болсо экен, мынча тирүү коюп көзүмө көрсөткөн кудай багын ачса экен" деп тунжурай түштү. Эне-бала ошентип отурганда Гүлзана кирип келди. Аны "казак келин" дешчү. Анткени казактар кыргыз жерине тентип келгенде Гүлзана бир жашка чыгып-чагалек кыз болчу. Кең пейил, меймандос кыргыздар койнун кенен ачып уук-керегесин алып келип үй тигип, төшөнчү, идиш-аяк берип, жеринен жер бөлүп берип, тууган кылып алышкан. Эрмек аскерден келгенде Турус Гүлзананы келин кылып алган. Үч балалуу, совхоздун коюн багышып абдан ынтымактуу.

- Арбагыла жеңе, кызыке! - деп Гүлзана жаркылдай күлүп кирип эле кызыкесин кучактап өөп койду. - Ийи эне-бала сырдашып отурган экенсиңер?

- Кел-кел, Гүлзана. Отурабыз. Кандай, балдар чоңоюп жатабы, уул жакшы жүрөбү?

- Баары жайында. Жеңе, бу кызыке биздикине айылчылап келбейби? - Ал Жайдаркандын жанына отуруп эркелете: - Жеңеңдин сыйын көрүп, эки-үч күндөй жүрүп келсең боло, - деди.

- Жеңеси чакырбаса, ойноп барчу кезден өткөн да кайынсиңдиңиз, кичине болсом өзүм эле бармакмын, - Жайдаркан да тамашалай күлүп койду.

- Ырас айтат кызым. Ботом, уул экөөң ударник чабан болуп сыйлык алып короо койду багып отуруп, келгенден бери чакырганга жарабадыңар го? - Калыя абысынына таарыныч кыла кетти.

- Жеңекебай, айыбымды тартайын. Кызыкени азыр алып кетем. Акем экөөң да барып конок болуп келгиле. Кайниңиз козу союп жатат. Кызыке калып бир-эки күн жүрүп келсин.

- Ма-акул айланайын, - Калыя абысынына ыраазы боло карады. Экөө башынан эже-сиңдидей болуп ынтымактуу болчу. Бири-бирин жөлөп, бири-бирине сөз тийгизбей колдоп тураар эле. Аларды көргөндөр тамшанып: "Калыя жакшы аял да, абысынына өз сиңдисиндей карайт, дегеле ынтымактуу, байкуштар" деп бири айтса: "Калыя жалгыз, эже-сиңдиден болбосо, же ага-иниси болбосо, төркүнү жок экенин билгизбей абысынга жагынат да" дешип калышаар эле. Гүлзана Жайдарканды ээрчитип үйүнө жөнөмөк болуп эшикке чыкты. Жайдаркан кийинип чыккыча күтүп турган Гүлзана алардын үйүнүн жанына келип калган курбусу Саамайды алдынан тосо чыкты. Саамай менен Гүлзана мектепте жакшы курбу болчу. Күйөөгө тийгенден кийин катышпай калышкан. Саамай Нусупбектин иниси Жусупбектин аялы. Экөө учурашып ал-жай сурашкандан кийин Гүлзана:

- Андай болсо кызды мен бүгүн алып кетип жатам, акемдер дагы барышат. Сен эртең сыр билгизбей барып калгын, андан кийинкисин көрөбүз, - деди курбусуна шыбырай.

- Эми көңүлүм ток болуп калды, жигиттин жеңеси мен, кыздын жеңеси сен болсоң, экөөнү эч кайда кетирбейбиз, - деп сырдуу жылмая коштошуп жолуна түштү.

Аңгыча Жайдаркан чыгып жеңеси экөө атка минип сарайга жөнөдү. Эрмек карындашын көкүлүнөн жыттай учурашып үйгө киргизди. Гүлзанага жардам берип Жайдаркан кесме жасап жиберди. Турус менен Калыя тамак даяр болгондо келип калышты. Бир туугандар чер жазыша көпкө отурушту. Кеч кирип көз байланганда алар үйүнө кетти. Жайдаркан калып калды. Анын оюнда эптеп эле Эмилге жолукпай коюу эле. Анын жеңеси келип сүйлөштүрмөк болгонун апасынан уккан. Жүрөгүндө баягы жаш кезинде сүйлөшүп жүргөн Эркин эсинен чыкпай койду. Азыр дагы аны ойлонуп көзүнөн жаш мөлт деп кетти. "Таштанды кыздын эмнесин сүйдүң, ал булардын кызы эмес. Таштандыдан таап алышкан" деген сөз кулагына угулуп жатты: "Эркин, сен мени чын жүрөгүң менен сүйгөн эмес турбайсыңбы? Мендей сүйсөң унутпас элең. Жок дегенде түшүмө да кирбедиң го?" деп жатып алып ойлонуп жатты. Бул учурда Эрмек менен Гүлзана малды короого киргизип эшикте жүргөн. Балдарынын чоңу интернатта окуйт. Эки кичүүсү уктап калган. Алар үйгө киргенден кийин Гүлзана кайынсиңдисин сөзгө тартып, экөө көпкө сүйлөшүп отуруп, анан жатышты. Жайдаркандын уйкусу келээр эмес, негедир анын оюна бүгүн улам-улам эле Эркин келе берди. Көзүн жумса элеси көз алдына тартылып, үнү кулагына угулгансыйт. Көзү умачтай ачылып, жандүйнөсү тарып эртеңки күнү сүйбөгөн адам менен кантип жашаарына көзү жетпей башы ооруп чыкты. Бирок анын алдында тагдырдын кескин бурулушу аны кайда алып барып койоорун сезбеди. Анткени ал ойлонуп жатканда Эркин дагы аны издеп, Калкыбектин үйүнөн таппай, анын өз ата-энесинин дайынын сураштырып, акыры тактап бир күн мурун акмалап жүрүп Жайдаркандын эжесиникинен келгенин угуп кеткен болчу. Акыры ала качмак болду эле, атасы ага минтти:

- Уулум, ошондой эле ал кыз жагып калса кызга куда түшөлү. Ата-энеси түшүнүктүү кишилер. Кыздын башы ачык болсо жок дебейт, - деди.

- Анда кечиктирбей баралы, ата, - Эрмек шашыла атасына укканын айтты.

- Эртең эле өзүм барам. Бир бээ, бир уй менен он койду айдатып, сен жаныңа жолдош балаңды ал. Сарымсакты аялы менен, мен, апаң, агаң, эжең болуп беш-алты киши барабыз, - деп Туякбай аялы Кайыргүлгө айтып камынып калышты. Түнү менен уктабай чыккан Жайдаркандын көздөрү кызарып, бүткөн бою оорлошуп көпкө төшөктө жатты. Убакыт түш болуп калган. Гүлзана эшиктен шаша кирип келди:

- Кызыке, тур тура гой. Тиги үйгө киши келиптир, кыязы куда түшкөндөр го. Тезинен жуунуп кийимиңди кийе кал. Акем ат жиберип ийиптир, акең дагы кой менен кетип калды эле. Ат алып келген баланы акеңе жиберип, койду карай тур дедим, бол эрте, - деп божурап кирди.

- Ии-й жеңе, мен барбай эле койоюнчу. Түшсө түшүп кете берсин, менин көңүлүм жок!

- Апей ботом, сен барбасаң мен эмнеге барам? Сен тиесиң да, кызыке. Жигитти сен көрөсүң, мен көрмөк белем. Жеңем капа болуп калат, тура гой эми, - Гүлзана анын жанына отура калып кытыгылап, эркелетип, мурдунан чымчып койду. - Тур эми, күйөө келсе кыз даяр деп биринчи чыккан жигиттен баш тартсаң болбойт. Анын үстүнө багың бар экен, колунда бар киши келип атат. Билесиңби, азыр эл абдан жакыр, мындайлар чанда гана.

- Мейли, жеңе, барбай эле койоюнчу. Пешенемден көрөөрмүн, - Жайдаркан тургусу келбей кыңырылды. Аңгыча сырттан Уулжан кирди:

- Ой болбойсуңарбы? Уяттуу кишилер күтүп атат. Атам уят кылбай келип калсын деди. Шашылыш кийим тиктирип, апам да ары жакта. Жеңе, эрте келсин деп бая эле айттырбады беле?

- Кызыке болбой атпайбы, "барбайм" дебатат.

- Эмнеге? Баягы Кутмандын баласы эмес, башка экен. Баласы чоң окууда окуйт экен. Өзү башкарма болуп иштеген киши. "Уяттуу адамдар келди, ырыскысын теппесин" дейт атам, - Уулжан Жайдаркандын төшөгүн сыйрый күлдү. - Тур өйдө, башкарманын үйүнө келип болуп барганда калган уйкуңду кандырасың.

Жайдаркан ыңгырана ордунан туруп, сыртка чыгып керилип-чоюлуп алды да, жуунуп келип кийимин кийди. Уулжан ага атайын токулгасы жасалгалуу ат жетелеп келиптир. Дароо ага мингизди да, жеңеси менен эжеси коштоп ылдамдай бастырып жетип келишти. Аттан түшүп эле ал үйгө кире бермек болгондо Эркин алдынан чыга калганда жүрөгү болк этип токтой калып экөө тиктеше калды:

- Жайдаркан, кандайсың? - деди анан Эркин ага жылмая.

- Жакшы... - Жайдаркан ошондо гана же кубанаарын, же ыйлап ийээрин билбей бүткөн бою титирей үйгө кирип кетти.

Артынан кирип келаткан Уулжан аны байкаган жок. Тек Эркинге жол бошото ал чыгып кеткенде артынан кирип, Жайдарканга:

- Азыр апам келет. Чачыңды өрө койсун жеңем. Атамды уят кылбай үйгө жеңем менен киргин, макулбу? - деди да кайра чыгып кетти.

Жайдаркан шифонердин күзгүсүнө келип өзүнө көңүл бура карап көпкө турду: "Ой тобо-оо, жүрөк сезет деген чын окшойт, түндө уйкум качып Эркинди ойлоп чыктым эле, бүгүн аны жолуктурдум. Чын эле мага куда түшүп келгендер Эркинге алып береби же бул Эмилдин жолдош баласыдыр?" деп түшүнө албай делдейе ою онго бөлүнүп турганда Гүлзана менен Калыя кирди. Арыдан бери анын узун чачын экиге бөлүп өрүп эмеле атайын тиктирип келген аппак товаршайы көйнөктү кийгизип сыртынан саймалуу чыптаманы кийгенде көркүнө чыга түштү. Башына жакында эле бир койго сатып келген суусар тебетейди кийгенде кыргыздын кымча бел сулуу бийкечи көргөндү суктандырган сулуулугу өз энеси менен жеңесин да таңгалдырып Калыя кыздын чекесинен өөп:

- Кагылайыным десе, багың ачылсын, кудайым узун өмүр, кемибес ырыскы берсин! - деп кучактап ыйлап ийди.

- Кызыкенин мынчалык сулуу экенин байкабай жүргөн турбаймынбы, жеңе. Кыйын болсо Каныкей апабыз, Айчүрөк жеңебиз деле ушу кызыкедей сулуу болгон чыгаар... - Гүлзана дагы кызды кучактап өөп колтуктап алды. - Жүр эми, жигиттин жанына киргизейин. Абдан күтүп калышты окшойт.

Жайдаркан үн дебеди, билинээр-билинбес калтыраган денеси караңгы токой ичинде жападан жалгыз калып алда нерседен корккондой жүрөгү тездеп кагып, жеңесинин жетегинде үйгө кирди. Ошол кезде үйдө отургандардын баары жал этип кирип келаткан кызды карап калышты. Ого бетер сүрдөгөн Жайдаркан көзүн ылдый кылып, ордуна жеткиче өйдө карай албай эптеп бара берди. Эшиктен кирип эки-үч кадам жерге чейин ал үчүн узак сезилип, Гүлзана аны ийинден ала отур дегендей ишарат кылганда гана сыңар тизелей отуруп жатып аста гана жанында отурган Эркин экенин баамдап дагы бир жолу жүрөгү болк эте көзүн бекем жумуп: "О кудай, чын эле Эркинге жар боломбу? Мени атайын издеп келдиби? Ушуну ойлоп жинди болуп кете жаздабадым беле, ушунуңа шүгүр, кудайым" деп мисирейе отуруп калды. Ошол кезде Туякбай сөздү баштап кирди:

- Турус, "кызды сураганга, кымызды ичкенге бер" деген, уулум кызыңды каалап калыптыр, кана эмесе тойду качан кылалы? Бизге кыз жакты. Сен кандай десең ошого макулбуз, - деди эки жагын карай.

- Ооба-ооба, сиздин кыз менен биздин уулубуз бири-бирин жактырат экен. Тойду кечиктирбей эле баштай берсек болот ко?

Сарымсак агасынын сөзүн коштоду.

- "Кызды сураганга бер" деп эле кармата бергидей буюм эмес го. Азырынча кыз менен жигит сүйлөшсүн, анан кеңешээрбиз. Жигит жактырса, кыз эмне дейт, ушул убакка чейин бирөө менен сүйлөшкөнүн билбедик эле? - Гүлзана өз милдетин аткарчудай кайнагасынан ыйбаа кылса кудалар тарапты карай сөз салды.

- Туякбай, мен силерди танбайм, чанбайм. Күйөө болчу баланы да көрдүк, кыз өзү билсин. Анан дагы бир айтаарым, кызымдын менден дагы жакын агасы бар, Жамгырбекти чакырып аны менен кеңешейин. Тойду качан өткөрөөрдү ошондон кийин мен жооп берейин, - деди Турус.

- Ап-бали, Турус, туура кыласың. Кара кылды как жарган калыстыгың - адамгерчилигиң, биз буга макулбуз, - деди Туякбай ыраазы боло.

Туякбай бир айылдан болгондуктан Жыргалбекти таанып билчү, ал турган баккан карындашына жуучу жибергенин да уккан, бирок кийин "туура эмес кылыпмын" деп айтканын деле билет. Ошондуктан баарын акыл менен калчаган Туруска ыраазы боло алдындагы дасторконго бата кылып ордуларынан турушту. Аларды узатып коюп, Турус шаардагы уулуна телеграмма берип, андан кийин Жамгырбекти чакырганга киши жөнөттү.

Калыя кызына сырдашып анын ички оюн угууга дилгирленип, Гүлзана экөө анын жанына отурушту.

- Кызым, жигит көңүлүңө жактыбы? Төбөсү көрүнгөн кишинин баласы экен. Эгер жакпаса ачыгын айт, садагам, - Калыя кызына эңкейип ээгинен өйдө кылды. - Айт, айта гой. Бешубак менен Жамгырбек келсе той башталат, анан өкүнүп калба, кызым?

- Кызыке, ичиңе сырыңды катпай ачыгыңды айта гой, - Гүлзана абысынын карай көңүн ымдап: "Экөөбүздү калтыр" дегендей ишарат кылды. Калыя акырын чыгып кетти. - Айтчы, кыз менен бала бир бирин жактырышат экен деп айтышты го, сүйлөшүп жүргөнүңөр чын беле?

- Жеңе, Эркин менен сүйлөшкөн эмесмин, бирок сөз айттырып жүргөнү чын, - Жайдаркан жер карап жооп берди.

- Деги ал сага жагабы?

- Жагат-жакпайт деп айталбайм, дурус эле го? - Жайдаркан уяла ушул сөздү айтканда Гүлзана кубанып кетти:

- Кызыкемдин жүрөгүнө ээ болгон жигит бар экен да көрсө, болду эмесе, сенин себиңди даярдай берели, ээ?

- Өзүңөр билгиле.

Жеңесине ушинткен кыз ойлуу кайрадан күзгүгө келди. Түндөгү түйшөлткөн ой, анын жүрөгүнүн сезимталдыгы, Эркиндин келип колун сураганы толкундантып турду. Бактылуу жылмайып алды. "Эркин, Эркин! Сен мени унуткан эмес экенсиң да. Неге мурунтан бир келип жолукпадың экен? Балким, колуң бошобой жүргөндүр.. Ээ сүйүү, сүйүү, ушунчалык тамашакөйсүңбү? Жоготконумду таап бергениңе ыраазымын!" деп өзүнчө эргип турду. Кыялында Эркин менен кыналышып бирге басып жүрдү. Кызгалдактуу адырларда кубалашып ойноду, үкүсүн "желп" эттире кош этек көйнөгүн делбирете күзгү алдында тегеренип кабагы ачык бийлеп жаткан кызын кирип келаткан Калыя көрө калып тык токтоду. Азыр анын жүзү албырып өзүнчө эле бактылуу болчу. Анын бул түрүн көргөн эненин жүрөгү кубанычтан лакылдап кетти: "Оо жараткан, ушул көпөлөгүмдүн багын ача көр! Бул кызды үмүт үзүп канча жыл жоктоп ыйлап келбедим беле? Эми багын ач, көз жашын көрсөтө көрбө" деп жыла басып кетип калды. Ошол кезде Гүлзана кирди:

- Охо-о кызыке, бүгүн жөн эле кызгалдактай ачылып, жүзүң башкача бактылуу го? Жүрү мени менен сайга барып келчи, - Аны кучактай кетти.

- Азыр, жеңе, чечинип алайынчы.

- Чечинбей эле гой, ким эле акемдей кылып кыз берип атыптыр. Илгерки байдын эрке кызындай суйсалып күйөөгө кеткиче жеңең менен ары-бери басып кой.

- Койчу жеңе, уят эмеспи той көйнөк менен жүргөнүм, - Жайдаркан ого бетер жүзү албыра жеңесине эркелей карады.

- Ырас айтам. Кайсы кызга куда түшүп келгенде эле калыңың айдай келет имиш. Эптеп-септеп жок жардыга тийди тигил Сарынын кызы Айсары, сени тим эле байдын кызындай баркыңды көтөрүп койбодубу.

- Эмне, атам жаман кишиби? - Жайдаркан жеңесин сынай карап сурап койду.

- Жо-ок, ошо акемдин кадыр-баркы менен сага куда түшүп жатат да, ботом. "Ата баркы менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт" дегендей. Бирок сен бөз эмес, Айчүрөктөй сулуулугуң менен баарына жетесиң. Кызыке, жүр эми.

- Макул, - Кыз Гүлзананы ээрчий сыртка чыкты.

Анткени Эркин калып калып атайын сүйлөшмөк болуп Гүлзанага жолуккан эле. Эми Гүлзана ал экөөнү жолуктурмак. Сууну көздөй ээрчишип бараткан кыз менен келиндин артынан акмалап Эркин баратканын Жайдаркан байкаган жок. Гүлзана ар кайсыны айтып күлдүрүп бара берди. Бир кезде жол боюндагы бир үйдүн жанына келгенде:

- Кызыке, тура турчу, бул үйдө жумушум бар эле, - деп чаканы жерге койо коюп басып кеткенде аны артынан карап турган Жайдаркандын жанына Эркин келип токтой калды:

- Арбаңыз, бийкеч?

- Оой, сиз кайдан? - Жайдаркан чоочуй артын карап, жанында турган Эркинди көргөндө дароо эле жеңесинин амалы экенин биле жүрөгү лакылдап чыкты. - Коркутуп жибердиңиз.

- Жайдаркан, мен сага кезиге албай эле... Окууда болдум, анан кол бошобой, каникулга чыгып келсем сен жоксуң. Издеп жүрүп зорго таптым.

- Издегениңизге ишенбейм, - Жайдаркан наздана күлүп койду.

- Айыптуумун, чоң кыз, кечирим сурайм, - Эркин колун бооруна ала кыз алдына эңкейе жүгүнүп койду. - Айыбымды кечирип койсоңуз экен?!

- Болуптур эми, айыбыңызды кечтим, - Жайдаркан наздуу жылмая карап туруп калды.

Экөө катарлаша сүйлөшүп турганда Гүлзана артынан эч нерсе билбегендей келип:

- Жигит-кызга салам, - деп жайдарылана күлө саламдашып коюп, Жайдарканды карады, - Кызыке, мен суу алып келе калайын, силер сүйлөшүп тура тургула.

- Жеңеке, Жакинди мен кайтарып турам, сиз барып келе коюңуз, - Эркин аны жылмая сыпайылык менен карап койду.

- Мени кайтаргандай мал белем, - Жайдаркан таарынычтуу экөөнө карап, суу тарапты көздөй басты.

- Кечирип кой, чоң кыз, байкабай эле айтып алдым, - Эркин кызды колдон алды. - Жеңемди үйдөгүлөр издеп калбасын, Жакин, сен менин жанымда тура турчу?

- Кой, мен бат эле келем, - Гүлзана шашып чакаларын алып жөнөй берди.

- Жакин, айтчы, мени эстедиңби? Жок дегенде бир жолу ойлодуңбу?

- Сиз ойлоно турган кылдыңызбы? Ошол күн, ошол мүнөттөр унутулбас болуп жүрөктө турганын сезе элексизби?

- Кечир, Жакин. Мен да жаш, токтоло элек экемин. Көрсө ошол күнөөм үчүн канча түн, канча мезгил өзүмдү өзүм жемелебедим дейсиң, - Эркин Жайдарканды колдорунан кармалап, жүзүнө тигилди. - Көрсө мен сени сүйөт экемин. Сени көргүм келип, үнүңдү уккум келип, кылаар аргам жогунан бир айласын таап издеп барып сени тигил үйдөн таппадым. Акыры сенин биякта экениңди угуп алып ала качып кетмек болгом. Атам угуп алып, "каада-салт менен алып берем" деп, келип калдык.

...-?

- Айтчы, Жакин, сен мени сүйөсүңбү? Күттүң беле деги?

- Жок, ойлогон эмесмин. Мени алда качан унуткандыр деп жүргөм.

- Кайдан, унутмак турсун экөөбүзгө жолтоо болгон кыздарды жек көрүп алардан өч алсамбы деп да ойлочумун.

- Көңүл сүйүүсү унутулат, эскирет. Жүрөктөн чыккан сүйүү эч качан унутулбаса керек? - Жайдаркан ойлуу үн катты.

- Эң туура, көңүл сүйүүсү убактылуу гана болоору чындык. Жүрөктөн чыккан сүйүү жалынын өчүрүүгө болбойт экен. Мен сени эстесем уйкум качып, жандүйнөм тарып, айланамда жан адам жоктой жалгызсырап эч ким менен сүйлөшкүм келбей жандалбастаганда окуумду таштап баса берүүнү канча жолу ойлободум.

- Коюңуз эми, издегениңиз табылдыбы? - Жайдаркан наздана күлүп калды.

- Таппагандачы! Таптым! Болгондо да жүрөгүмдүн теңин жоготуп араң тапканыма кубанычым койнума батпай толкунданып, дүйнөдө менден бактылуу жоктой асманда калкыган айдын катарында учуп жүрөм, Жакин. А сенчи, жаным, бактылуусуңбу? - Эркин кызды карыдан кармай өзүнө каратты. - Айтчы, Жакин, сен мени сүйөсүңбү? Менин жанымда турганыңа бактылуусуңбу?

- Ооба... - Кыз шыбырай унчукту. - Ооба, мен дагы абдан бактылуумун! - Жайдаркан уяла жер карап. - Мен да сени аябай сүйгөнмүн, билсең...

- Оо жаным! - Эркин кызды коомай белинен имере кучактай. - Мага өмүрлүк жар болчу, жаным? Сен жооп берсең эле тойду түшүртөм, кыз оюн кылып алып кетем, макул дечи?!

- Мен сизди азыр гана көрүп отурам, кандай адам экениңизди билбейм. Ырас, тааныйм, бирок кантип тез эле макулдугумду берем?

- Жакин, жүрөгүңдө мага деген жылуулук болсо, сүйүү жанып турса болду да. Билесиңби, сени эстегенде асмандагы Чолпон жылдызды экөөбүзгө салыштырам. Балбылдаган Чолпон жылдыз сенсиң, жанында бүлбүлдөгөн жылдызды өзүмө окшоштуруп, сенин жаныңда жанаша албай нуруңдан көзүм уялып тургандай сезем.

- Анчалык жогору баалабай эле койсоңуз. Сулуу кыздар толуп жатпайбы. Бактыбызга кимди жазса көрөөрбүз, - Жайдаркан кербездене келаткан жеңесинин алдын торой басты.

- Кыз-жигит, кандай, таанышуу ойдогудайбы? Биздин кызыкени таарынткан жоксуңарбы, күйөө бала? - Гүлзана чакаларын жерге койо тамашалай күлө карады.

- Эң сонун, жеңеке. Кызыңарды таанышпай жатып таарынтпай калайын, - Эркин Жайдарканды карап жылмайып койду. - Жеңе, тойду баштай берсек болот, сулуунун сөзүн алдык. Эмесе мен кайтайын. Ушул жума келип калабыз, кызыңызды даярдай бериңиз! - деп экөө менен коштошуп жолуна түштү.

Кыз жүрөгү элеп-желеп болуп, бир ууч бакыттын өз жүрөгүнө баш бакканы түбөлүк бактысы экенине көзү жеткендей, балапан сезими, жаш жүрөгү менен сүйгөн, күтүп жүргөн адамы капысынан толгон малды айдап келип эл алдында кадырын көтөрүп коңшу-колоңуна аңыз сөз тараганы өзүнө зор бакытты тартуулап, жетине албай турду. Өзүнчө кыялданып: "Мен бактылуумун. Эркинди мен сүйөм, ал мени сүйөт. Биз бактылуу болобуз. Оо кудайым, ушуга шүгүрчүлүк, өзүм сүйгөн адамга жар болоорума өзүң күбө боло көр!" деп өрөпкүй үйгө кирди. Калыя кызынын жүзү нурданып бактылуу көрүнүп турганына ичинен кубана:

- Садага кетейин десе, кызым бүгүн башкача бактылуу го? - деп аны өөп койду.

- Апа-аа! - Жайдаркан ого бетер эки бети албыра апасына эркелей кетти.

- Ырысым десе, сенин бактылуу жүзүңдү көрсөк атаң экөөбүз абдан ыраазы болот элек.

- Жеңе, кызыкем жигиттин гүлүнө жолукту. Буйруса кызыкем көп кыздардын көзүн күйгүзгөн жигиттин жары болот! - Гүлзана шыбырап Калыянын кулагына эңиле калды. - Күйөө бала кут болсун. Эмки жумада келебиз деп кетти.

- Кызым ыйлабаса эле болду. Жигит көөнүңө толдубу, Гүлзана?

- Ой жеңе, жакпагандачы! Тим эле кызыкеме туптуура келет. Өңгөдөн тиги Кутмандын небересинен мурун келгенин карабайсызбы. Ананчы, - Гүлзана ички үйдү карап шыбырады, - Кызыке менен сүйлөшүп жүрсө керек. Экөөнүн сөзү мурдатан эле бышып калгандай.

- Мейли, эмнеси болсо да көөнүнө жагып, ыйлабай тынып калса болду да, келиним. Ушу кызым үчүн канча азап чегип, акеңди жек көрүп оорукчан болуп калбадым беле. Акыры минтип кудайдын кудурети менен маңдайыма тирүү келип өчкөн отум тамып, өлдү дегеним алты саны аман табылганына кандай кубандык, ай.

- Билбей анан. Болгондо да керилген кыз болуп, минтип элдин эшигине түшпөгөн тай түшүрүп бизди кошо кубантып отурбайбы, жеңе?

- Айланайын десе, бир тууган сиңдим ордуна кармап жүрбөйүмбү, эми ушу кыздын тоюн жакшылап өткөрүп, ойдогудай узатсак экен.

- Эч коркпо, жеңе. Кызыкемди бектин кызындай эле узатабыз. Үйлөрдү эрте эле тигип, жасалгалап койо бербесек болбойт, - дешип эки абысын кыз-күйөөнүн өргөөсүн тигип ички жасалгаларынын кем-карчын даярдатып жатышты.

Эртеси аларга жүрөк түшүргөндөй кабар келди. Жайдаркан үйдө болчу. Гүлзана менен Калыя той камы менен алек болуп жүрүшкөн.

- Турустун үйү ушул бекен? - Атчан жигит короонун оозунан сурап туруп калды.

- Ооба, силер кимсиңер? - Отун жарып жаткан бала кайра өзүнө суроо узатты.

- Мени Туякбай аба жөнөткөн. Эркин акемди кечээ күнү бирөөлөр сабап кетиптир, азыр доктурга көрсөтүп жатат. Тойду кечиктирет окшойбуз дейт.

- Мен азыр, Турус абама айтайын, - Тигил үйдү көздөй басканда алдынан Турус чыга калды. - Аба, күйөө болчу баланы кечээ бирөөлөр уруп кетиптир дейт, өзүңүз сүйлөшүңүзчү.

- Эмне дейт? Кимдер уруп кетиптир? - Турус шашыла бейтааныш жигитти көздөй жөнөдү. - Кел баатыр. Эмне жумуш? Түшүп үйгө кирип айтчы, - деди Турус ага жакындай берип.

- Жок, шашылыш элем, Эгинчи молдону ала кел деди эле.

- Кана, сүйлө анда.

- Эркин акемди кечээ бирөөлөр жолдон сабап кетиптир. Колун, бутун сындырып, башын жарыптыр.

- Ап балакет ай-йаа! Кимдер экенин билдиңерби?

- Билбейм, өздөрү билет ко.

- Нан ооз тий, уулум, - Турус үйгө карай үн салды, - Даам алып чыккылачы!

- Азыр, - ары жактан бир келин табакка нан, чыныга жарма алып келди, - Кел балам, даам ооз тий!

- Рахмат, - Тигил жигит жарманы жутуп, нандан чымчып ооз тийди да, - Жакшы калыңыздар! - деп бастырып кетти.

Турус шашыла үйүн көздөй басып Калыяны издеп ичкериге кирди да:

- Ээ кемпир, мен төмөнкү айылга барып келейин. Тиги күйөө баланы кечээ уруп кетишиптир, сурамжылап кимден урганын билейинчи.

- Капырай, аны кимдер урду экен? Балким өздөрү урушуп жүргөндүр, ортолорунда бир кайымы бардыр?

- Таң, кимдер менен урушканын билип, угуп келбесем болбойт ко? - Турус үйдөн чыга токулуу атын минип короодон чыгып кетти.

Турустун сөзүн уккан Жайдаркан ички үйдө отурган жеринде селдейди: "Эркиндиби? Аны ким урду, ким менен урушту, аны эмнеге урат? Кудай ай, деги эмне болуп кетти экен? Кудай ай, аман болсо экен!" деп ойлоп эшикке чыга калып апасынан сурамак болду эле, бирок оозу барбады: "Аныгын булар деле билбейт, атам келсе угаармын эмне болгонун. Кокус ал бирдеме болсо мен да тирүү калбаймын, ансыз жашабай эле койдум" деп ойлоп, көзүнө жаш кылгыра артына кайрылып кирип кетти.

Ал мындай болгон эле. Эмил Жайдарканга "Эркиндик" колхозунун раисинин куда түшүп барып той түшөөр күнүн белгилеп кеткенин угуп, Эркинди мурун тааныгандыктан анын айылына беш-алты досу менен барган. Эркин үйүндө жок болгондуктан аны жолдон күтүп туруп, келатканын көрүп алдынан тосту:

- Салам, дос. Кандайсың? - Эмил адегенде эле озуна учурашты.

- Салам, өзүң кандайсың? - Эркин аны менен көңүлүндө эч нерсе жок эле учурашып өтүп кетмек болду.

- Эркин, мен сени менен сүйлөшөйүн дедим эле, - деди анын алдын торой бастырган Эмил.

- Кулагым сенде, сүйлөшсө сүйлөшөлү.

- Жайдаркан менин колуктум экенин билесиң да? - Эмил Эркинди кытмырлана жылмайып карады.

- Жайдаркандын башы бош экенин жакшы билем, дос. Башы бош кызды ата-энесинин алдына барып аныктадык, өзү да айтты! - Эркин да ага керсейе жооп берди.

- Ошондойбу, Эркин? Кыз сеники анда, эгерде эми ага жолуга алсаң, а жолуга албай калсаң меники!

- Жолуктурбай койчу сенби? Эмил, теңтушпуз, мен силер менен уруша турган оюм жок. Ал эми кыз сеники же меники болоорун ал өзү чечет!

- Өзү чечет деп, кыздарды өзү чечет деп оюна койсо билесиңби эмне болоорун? Аларды койчо өңөрүп келип катын кылып, кызылдай гана сабап туруш керек, билсең! - Эмил каткырып алды. - Аял шайтан, анын шайтанын апта сайын күүп туруш керек экенин да билбейсиңби?

- Эмил, ал заман өтүп кеткенин билбейсиң го дейм. Аялдардын укугун тебелеп-тепсегендер мыйзам алдында жооп берерин унутпа!

- Болуптур, укугу тең дейли. Жайдаркан күйөөгө тийип, алда качан талпак болгонун уккан жок белең?

- Оозуңа карап сүйлө. Акактай таза кызды минтип каралоого кантип оозуң барды? "Ириген ооздон чириген сөз чыгат" болуп... Жолумду тоспой ары тур! - Эркин атын темине басып кетээрде Эмил анын атынын ооздугунан кармай калды:

- Балдар, бул билбесе айтып койгулачы, акактай кыздын кимдин алдында жатып чыкканын, ха-ха-ха! - деп экөөнү карап турган жолдошторун карады, - Чынбы ыя?!

- Ананчы, чын эмегенде!

- Эмилге тийип чыккан!

- Ал Эмилдин аялы! - дешип тигилер каткыра күлүп калышканда Эркин ооздукту кармап турган Эмилди колго камчы менен чаап жиберди:

- Энеңди урайын акмактар, мени көрө албай атайын айнытканы жатасыңарбы? Мен сени эл алдына, сотко берип кызды маскаралаганың үчүн жоопко тарттырам! - деп кайра дагы камчы менен жонго үч-төрт жолу чаап жибергенде турган атчандар аны тегеректеп калышты.

- Эн-неңди, шуркуяга болушкан кандай болоорун мен сага көрсөтөм! - деп Эмил дагы атын темине ат үстүндө алышып калышты. Ошондо атчандардын бири мурдатан даярдап келген аркандын учун сыйыртмак кылып туруп Эркинди көздөй ыргытты эле, анын башынан өткөн сыйыртмак белине жете түшкөндө тартып жиберди эле, ал аттан жыгылып түштү. Беш-алтоо анын буту-колун бууп туруп кыймылдоого алын келтирбей тепкилеп жатышты:

- Акактай кызга күйөө болот имиш!

- Көрөбүз, эртең ошол кызы кимдин катыны болоор экен!

- Бирөөнүн колуктусуна күйөө болгон кандай экенин билсин!

- Күйөө баланы кайын-журтуна жеткирип койсок кантет?

- Жайдарканга кабар берип койолубу?

- Өзү таап алсын! - дешип Эркин ийрилип онтоп жатып калганда өзүнүн атынын үстүнө таңып туруп койо берип кетип калышты.

Ошентип түн ортосунда ат ээсин үйүнө алып келди. Сыртка чыга калган Туякбай бышкырган аттын жанына жетип барса онтоп араң турган Эркинди көрүп чоочуп, аны чечип үйгө алып кирди. Бирок ал атасы канчалык сураса да эч нерсе айтпады: "Тааныбайм, өзүм урушуп кеттим, мен күнөөлүүмүн" дегенден башка айтпай койду. Бир буту чыгып, башы жарылып, калган жери аман экен. Бүткөн бою жанчылып, кийимдери канга чыланыптыр. Апасы күйпөлөктөп кийимин которуп жуунтуп, анан жаткырып, түндөп табыпты алдырып чыккан бутун салдырып таңып койду. Доктурга алып бармак болду эле, Эркин болгон жок. Чабаганчыны Туякбай бир-эки жумага тойду токтото туралы деп жөнөтсө ал болгонун айтып койгон экен. Туякбай абдан кейиди: "Сыр билги бирөөнү жөнөтсөм болмок экен, дөөдүрөп салыптыр" деп өкүнүп жатты.

Турус кеңсеге чейин келип бир сөз угамбы деген ойдо болду эле, бирок андай болбоду. Эмил жолдоштору менен үч-төрт күн үйдөн чыкпай бугуп жатып калышты. Эч бир ың-жыңы жок болуп калганда кайрадан ал чоң апасына атайын кирди:

- Чоң апа, качан кудага барышат, эч кимиси козголбойт да?

- Ээ кагылайын, чоң атаң ал ишти токтотуп койгон.

- Эмнеге? Мен үйлөнбөйүнбү? Атам же апам мени үйлөнткүсү келбейби, болбосо мен шаарга кетем! - деп чыгып кетти.

- Олда айланайын аа-ай, азыркы жаштар эмне болуп баратат? Качан ата-энеси үйлөн демейинче үндөчү эмес эле, - деп бүкчүңдөй ордунан тура келинине жөнөдү.

Келини Дилде жок болчу, анан чоң үйдө отурган чалынын үстүнө кирди:

- Ээ чал, неберең "Кудага качан барат? Үйлөнөт элем" дейт ко?

- Ата-аңдын оозун урайындын баласы, чакырчы бери. Ал кыз ага буйрубай калганын кандай билбейт, ыя? - Кутман аба ачуулана кемпирин карады. - Эмилди мага айтып кой. Өзүң келиниңе кеңеш, тиги Бектурсундун кызына куда түшкөнгө камынышсын!

- Болуптур чал, ачууланбачы. Бала неме эмнени түшүнмөк эле, - Зира эне сыртка чыкты. Эмил эки-үч бала менен сүйлөшүп турган экен, - Эмил, чоң атаң чакырып атат, - деди күндөн көзүн серепчилей.

- Азыр, - Эмил жанындагыларга бирдеме деген болуп чоң атасы отурган үйгө эдиреңдей кирип барды, - Чакырдыңызбы, чоң ата?

- Отур! - Кутман аба эдиреңдеп кирген небересине сүрдүү карап койду. - Ойлонбостон ооруга чалдыгып калам деп ойлогон жоксуңбу, неге бирөөнүн баласына кордук көрсөттүң?

- Кимге? - Эмил: "Эч ким билбесе бул кайдан билип алды?" деген ойдо танмакчы болду.

- Тынч отуруп ук. Бирөөнү ыза кылсаң, дагы бирөөдөн өзүң ыза болосуң. Жамандык кылсаң андан артык жамандык көрөсүң. Эми сага айтаарым, ал кызды унут, ал сага буйрубай калды. Эки күндөн кийин Бектурсундун үйүнө өзүм барып келем. Сен ошонун кызынан өнүп-өсөсүң. Бар, бара бер! - деди анан үргүлөп отургандай таризде боло калып.

Эмил чоң атасынан айбыкчу, эчтеме дей албады: "Бектурсундун кызы Гүлайымды айтып жатабы? Аны менен деле сүйлөшкөн жок элем, ал макул болобу? Аябай сулуу кыз" деп ойлонду да: "Менин бирөөгө жамандык кылганымды кайдан укту? Эч ким айтпаса.." деп башын жерге сала ойлуу өздөрү жашаган үйгө кирип кетти. Ошол бойдон эч кандай сөз болбоду. Кутман карыя адегенде Бектурсундун үйүнө өзү келди. Аны көргөн Бектурсун тоодой-таштай кадырман адамдын эшигине келип калганына сый көрсөтө аттан жеңил колтуктап түшүрүп алды.

- Келип калыпсыз, Кутман аба, үйгө кириңиз! - Колун үйү жакка жаңсай элик ачты.

- Келип калдык, уулум. Өз уулум Калмат менен тең курбусуң, - деген карыя үйгө кирип төргө отураары менен дасторкон жайылды.

- Чайга караңыз, аба, - Бектурсун өзү чай сунду.

Аялы улуу адамдын маңдайына отуруудан тартынып сыртта болчу. Экөө бир чыныдан чай ичишкенден кийин Кутман карыя Бектурсунга карап олуттуу сөз айтчудай сакалын сылай бир саамга ойлуу отурду да:

- Эми келген жөнүмдү айтайын, балам. Кызы барга жуучу, ууруга куугунчу келет дегендей, эби келсе эл болуп, кудай кошсо куда болсок деген ой менен алдыңа улуу башымды кичик кылып келип отурам, - деди Бектурсунду карап.

- Аба, "кызды сураганга, кымызды ичкенге бер" деген, кыз менен бала бири бирин көрбөсө кандай болоор экен? Кызым быйыл эле бүттү, окууга барам дегенинен быйыл жибербей койдук, "жашсың, эки жакты көрө элексиң, эмки жылы барасың" деп...

- Ээ балам, илгери тебетей менен урганда жыгылбаса эле бере берчү. Эмки жаштар он жылдап мектепте окуп, анан да жаш болуп атпайбы? - Кутман карыя күлүмсүрөй карады. - Адамдын жаманы алтымышында да жаш болуп кетет, жакшысы ак-караны тааныгандан тартып жигиттер ээрге минип элин коргогон, кыздар он бир-он экисинде атанын төрүнөн узаган.

- Ошентсе да... - Бектурсун не дээрин билбей жер карады.

- Он алтыга чыккан кызды "кара далы" деп эч ким карачу эмес, бу Лелин атаңар азыркы жаштарды өтө эрке-талтаң кылып койбодубу?

- Ой аба, ошо Ленин болбосо кыздар байкуш кайдан окуйт эле? Кедей-кембагалдарды жакшы күнгө жеткирбедиби ал. Согуш болбогондо кыйла ирденип калмак эл деле.

- Окубай-чокубай эле Манас атанын Каныкейи акылман аял болгон, Айчүрөк не деген сулуу, айлакер болгон, кыз Сайкал кайдан окуду дейсиң, балам. Жаштыгынан эмес, акылы болсо бактысынан көрөт пенде. Бу сенин кызың менин неберемен агарып-көгөрөт, ошон үчүн келип отурам. Же сенин кызыңды көрдүм беле, балам?

- Жок-жок, аба, сиздин сөзүңүздү кайтара албайм, балдар сүйлөшсүн. Үйбүлөм менен да кеңешейин. Сиздей адамды кантип сөзгө калтырайын, эгер кыз менен бала бири бирин жактырса мен макулмун!

- Баракелде, балам. Калганын өзүмө кой! - Кутман карыя кубана ордунан туруп сыртка чыкканда Гүлайым кирип келаткан эле, артка чегине берди. Кутман карыя аста көз кыйыгын сала карап коюп: "Эр Манасты ушуга окшогон ургаачы төрөбөдү беле? Өңүнө караса Айчүрөктөй, боюна караса Каныкейдей, сүрүнө караса Сайкалдай көрүнгөн кыз экен, акылы Карачачтай болсо мендей адамдын келген жөнүн билсе каршылык кылбайт" деп аттанып жатып. - Эр уулду ээрден түшүрбөөчүдөй кызың бар экен, балам, буйрусун! - деди да атын темине бастырып кетти.

Эркиндин жаракат алып жатып калганы Жайдаркан үчүн өтө кыйын болду. Анын кимдер менен урушканын да уга албады. Көңүлү кирдеп эч ким менен сүйлөшпөй апасына жардам берет, кайра эле өз бөлмөсүнө жатып алат. Эркин эки аптадай жатып жакшы болуп калды. Жүрөгүнө жаккан, жан далбастап сүйгөн кызы жөнүндө уккан сөздөр аны улам эсине келген сайын күйгүзүп, жаны жай албай атты. "Эмнеге Жайдаркан бул жөнүндө айткан жок? Балким жалган чыгаар. Жо-ок, мен аныгына жетишим керек" деген чечимге келди да, эртең менен эрте үйдөн чыгып кетти. Ата-энесинин: "Эми үйлөн, окууңа да жакындап баратат" дегенине: "бир аз күн койо тургула" деп койду. Эмилдин үйүнө алыстан көз салып акмалап үч күн жүрдү, үчүнчү күнү аны кечке маал аңдып туруп жолдон кармады да, дароо колундагы жипти байкатпай мойнуна салып жыгып кармап, ээн жерге алып барды:

- Кана, Жайдаркан менен жатканың чынбы? - деди тигинин буту-колун бууп коюп маңдайына отуруп алып.

- Эркин, ошого ишенип калдыңбы? Ала качып келгенмин, отурбай кетип калган, жаткан эмесмин, - Эмил аман-соо кутулаарынан үмүт үзүп койду.

- А сен анын кимдер менен жатып талпак болуп калганын билесиң, билгениңди азыр ачык айт. Эркек болсоң кудай алдында чындыкты мага ачып бер!

- Жок-жок, Эркин, андайын билбейм. Мен ага кайра ата-энесинин алдына барып анан үйлөнөйүн деп аткам. Кызганып эле...

- Кызгангандай алып койгон катының беле?

- Жок, эми кызганбайм, - Эмил тыбырчылап, кыйналганынан зорго сүйлөп жатты. - Башка кызга үйлөнгөнү жатам.

- Оозуңа алың жетпесе катындарга кошулуп жоолук салынып ушак айт, эркек сендей жел ооз болбойт!

- Кечирип кой, дос, бир итчилик менден кетти.

- Итке итче өлүм десем болмок. Дос деген экөөбүздүн ортобузда эч кандай мамиле жок, бирок теңтуш элек. Мен сендей эркек менен сүйлөшө албайм.

- Кечирип кой, эми мындай кайталанбайт.

- Досторуң кайда?

- Алар үйлөрүндө да.

- Эмесе мен азыр бир шарт менен сени бошотом, болбосо катын кылып аялдын көйнөгүн кийгизип, жоолук салып колуңду аркаңа таңып койо берем. Койгон шартыма көнөсүңбү, же..?

- Эркин, шерменде кылба. Экинчи атыңды атасам чындап эле катын болоюн, айт шартыңды?

- Эртең дал ушул маалда ошондогу беш досуң менен өзүң кошулуп ушул жерге келесиңер. Мен жалгыз болот. Эгер Жайдарканга көө жаппай турган болсоңор, тийбегениң чын болсо ошол досторуң болуп мага бир жылкы алып келесиңер!

- Кантип, кайдан табабыз?

- Ал силердин ишиңер. Качып жолукпай турган болсоңор акыры колума түшөөрүңдү унутпа. Бычып салам. Азыр тийбейм. Эркекче сөз бер!

- Эркекче сөз берем, айтканыңды аткарам. Мени уят кылба, мындан кийин алдыңдан кыя өтпөйм! - Эмил жалдырап ийди.

Эркиндин бир топ балдардын ичинде кадыры бар экенин, машыгып жүргөнүн да билчү, эптеп аман-соо кетсем экен деп коркуп турду.

- Алып келген жылкы уурдалбаган болсун, буйтап кутулам деп ойлобо! - Эркин анын буту-колун чечти да: - Жөнө, экинчи колума түшчү болсоң оңой кутулбайсың.

- Болду Эркин, бир ооз сөзүң аткарылат! - Эмил ал жерден көздөн далдоо болгуча шашты.

Эркин анын артынан карап алып кыжырлуу жылмайып алды: "Суу жүрөк десе, абалы ушул экен, тийишип эмне кылат?" деп жай басып баратып: "Эми үйлөнө берсем болот. Эртең булардын баарын байлап туруп экинчи сүйлөбөс кылайын" деп ойлоп, үйүнө келди. Ата-энеси анын келгенин көрүп унчукпады. Негедир ал ошол окуядан кийин эч кимге чечилип сүйлөбөй өзү менен өзү болуп түнт болуп калган. Бүгүн келип эң кичүү үч жаштагы инисин эркелетип ойнотуп жаркылдап кабагы ачык болуп калганына алар кубанып атышты. Бирок эмнеге, кандай сыры бар экенин билишпеди. Анын көңүлү ачык экенин көргөндөн кийин той жөнүндө сөз козгоду эле, ал макулдугун билдирди. Ушул жума барабыз деп айттырмак болуп чечишти.

Эмил үйүнө көңүлү кирдеп киргенин төрдө отурган чоң атасы дароо эле байкады. Анын эмне болгонун, санаасы эмне экенин күн мурунтан сезген: "Жаман жигит эмес экен, башка болгондо өлтүрүп койсо жооп берип калмак, мунусу жакшы-ы" деп отурган өзү да:

- Ийи-и, жигит, ишиң оордоп кеткен го? - деди аны сынай карап.

- Эмнеге? Эч нерсе болгон деле жок, - Эмил бурк этип отуруп алды.

- "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" деген, эми эртеңкиңди ойлон! - деди Кутман карыя аны сүрдүү көзү менен ата.

- Эмне деп атасыз, чоң ата?

- Калмат, - деди анан Кутман карыя уулун карай, - Бу балаң эртең сөзүнө турбаса тукумубузга түбөлүк доо кетет!

- Анчалык эмне болду, жарыктык? - Калмат атасына түшүнбөгөндөй көңүлүн бура кулак түрдү.

- Уулуң сөздөн кармалды. Дагы жакшы жигит экен, ачуу менен баланы мерт кылып коюшу мүмкүн эле. Бирок токтоолук кылып салык салды. Башкалары табалбайт, эртеменен тоодон бир жылкы алып келип бер! - деди жантая жатып. - Ал баланын пешенеси жарык, бир айылга башчы болчу түрү бар. Андайга бут тосуу жарабаган иш. Балаң алаңгазар балдарга кошулуп узун ойлобой кыска ой менен жеңил баа болду, намысын кетирбе!

Эмил чоң атасынын бул сөздөрүн аргасы жок укту, чыдады. Болбосо мурункудай убак болсо "Койсоңорчу!" деп басып кетмек. Бул жолу анте албады. Тиги досторунун жылкы эмес, кой табаар кудурети жок болчу, ошондуктан өзү жайлоодон атасынын он чакты жылкысынын бирин алып келип берип коймок болуп ойлоп жаткан: "Уурдалган болбосун" дегенинен андан да түпөйүлдөнүп отурган эле.

- Мейли, колдо жок болсо бир жөн, алса алып келсин, - Калмат атасынын сөзүн бирде-экиде кайтарбагандыктан чечмелеп сурабай туруп эле макул болду. Анткени он жыл мурун, согуш бүткөндөн эки-үч жылдан кийин айылында дөгүрсүгөн бир жигит күчүнө чиренип мушташта жеңилгенине чыдабай: "Энеңди, сенин катының менин катыным, сенин жеңиши ң менин жеңишим, эмнеге үйлөнбөй жүрөт дейсиң? Сенин өлөөрүңдү күтүп жүрөм да!" деп коюп, ортодо чоң мушташ чыгып, акыры дал ушундай чечим болгондо: "Колуна түшпөй койсом эмне кыла алат?" деп жүргөндө Кутман карыя анда жашыраак кези, аны өзүнө чакыртып алып:

- Ээ балам, эсиргендин эби болот. Сен атаандашыңдын айтканын аткарбасаң мент болуп каласың, эпке кел! - дегенде тиги мойноп:

- Аба, башка келгенин көрөм да. Анда бар күч менде да бар, эмне кыла алмак эле? - деп койгон.

- Эсиң бар, эбиң жок, күчүң бар, күмөнүң жок, алаңгазарлыктын азабын тартасың го? - деп кала берген.

Ошондо Калмат да атасына күлүп:

Жарыктык, бирөөнү эмне кыласыз, өз билгенин жасай берсин, жаман көрүнбөй эле койсоңузчу, - деген эле.

- Аа-а балам, айт дегенин айтамын, айтканымды укпаса тынчып кантип жатамын? Бу шордуу намыстан өзүн өзү өлтүрөт! - деп кирип кеткен эле.

Азыр Калмат ошону ойлоду: "Атаңдын оозун урайын десе, бу да бир балээге кириптер болгон тура. Мейли, баштан-көздөн бир мал садага" деп ордунан тураарда Кутман карыя уулуна минтти:

- Ал сенин садагаң эмес. Балаңдын жигиттик сөзүн алып атат, балам. Ичиңди ачыштырба, ал жигит буйруса менден кийинки кадырман адам болот. Балдарымдан бирөөндө касиетим барбы дедим эле, андай болбоду...

- Болуптур, жарыктык, калпыс ойлогон оюмду кайра алдым, - Калмат уурусу кармалгандай аргасыз жылмая сыртка чыкты: "Жарыктык, ойлогон оюңду да билип койот. Эмнеге атамдын касиети башка уруудагы адамга ооп кетет? Небере-чөбүрөлөрүнүн бирине келсе болбойт беле?" деп атын тушап отко койду.

Эртеси таң эрте Калмат өзү тоого барып бышты чыкма байталды алып келди. Эмил баягы досторун чогултуп болгон ишти айтты эле, алар да чоочуп калышты. Кеч күүгүмдө байталды жетелеп алып болжошкон жерге барса Эркин күтүп турган экен. Эч нерсе дебей айыл ортосундагы кеңсенин жанына ээрчитип барды да, быштыны арасындагы бирөөнүн үйүнө түндөп сойдуруп, бышырып, таң атып чоңдор келип калганда эл чакырып этти тарттырды да, эт желип бүткөн кезде сөз баштады:

- Эл-журт, бул сый, бул ызаат сиздердин алдыңыздарда кызмат кылган мына бу жигиттердин мага берген тартуусу экенин айтып койгонум дурус болоор?! - деди өзүнө жардана караган элди тегерете көз кыйыгын жиберип.

- Ботом, эмне дейт? Кандайча тартуу?

- Бул бала өзү ким?

- Эмне айыптары бар болду экен? - дешип эл дүргүй түштү.

- Кулак салыңыздар, бул жигитти тааныйсыңарбы? - деди Эркин Эмилди жонунан таптай элге карап.

- Капырай, тааныбай анан, Кутман абанын небереси да.

- Калматтын баласын тааныбай кантип койолу?

- Эмесе өзүмдү тааныштырып койоюн: "Кеңеш" колхозунун раиси Туякбайдын баласы болом!

- Ээ кокуй, билебиз ал кишини.

- Билбей койчу беле?

- Эмил! - деди ал досторунун катарында башын жерге салып турган Эмилди карай, - Кана, мени эмне себептен сабап, Жайдаркан кандай экенин эл алдында айтып бер!

- Эмнени?

- Сен айтпасаң мен айтайын: Жайдарканды "бузулган кыз" дедиң, кана чынбы?

- Ко-окуй, эмне дейт, катыгүн?!

- Балакет баскан тура!

- Кана, мага айтып, ошон үчүн жазалаганыңарды айтып бергиле! - деп бешөөнүн жанына барганда бири:

- Эмил айткан, бизди ошол ээрчиткен, - деди эле, дагы бири:

- Эмил калп айтып чычалап эле бизди ээрчиткен болчу, - деди.

- Сабаганыңар чын беле? - деп колхоздун бухгалтери сурап калды.

- Эмил айткан, өлтүрөбүз деген.

- Эмнеге анын тилин алдыңар?

- Жолдош болуп жүрбөйлүбү?

Ошондо Эркин кайрадан үнүн бийик чыгарып:

- Мен буларды өзүм гана жашыруун жазалап койсом болмок. Арыздансам өзүңүздөр билесиздер эмне болоорун. Бирок эл алдында күнөөлөрүн мойнуна алдыргым келди. Мына бу жылкыны Эмил алып келди, - Эмилди карады, - Жайдаркандын актыгы, менин тарткан зыяным үчүн кылган сыйың, кечирим сураганыңбы?

- Ооба, кечирип кой, Эркин. Айыбымды мойнума алам. Жайдаркан өзү отурбай кетип калган, түнөгөн эмес! - Башын шылкыйта жооп берди Эмил.

- Олда кокуй ай-йаа! Жакшы кишинин тукумунан жакшы чанда чыгат.

- Ошону айтсаң. Туякбай Жайдарканга куда түшүптүр деп атышкан, атайын тийишип алып айыбын тартып жатышкан тура!

- Жигит экен, бечара, сотко берсе эмне кылат эле?

- Ата-аңдын көрү, бала болсо ушундай болсун. Карачы, тигилердин өзү курдуу эле баланын алдында шылкыйып турушканын.

- Ээн баш немелер да, кызыл тилдин азабын далай тартышат минтип жүрсө!

- Атанын уулу экен!

- "Атадан артык уул" деп ушундайларды жигиттерди айтат. Кем болбосун, бечара! - дешип тамшанып жаткан элди Эркиндин үнү токтотту:

- Туугандар, мен кек сактабайт элем, көгөргөн жараат айыгат, көңүл жараатын айыктыруу кыйын. Жайдаркан менен сүйлөшүп жүргөмүн, Эмил ала качып алганда отурбай койгон экен, улуу-кичүү уккан-көргөндөр бардыр араңарда, түнөгөнү жалган беле?

- Ботом, ошол эле күнү кеткен.

- Ооба, эжеси кетип алып кетип калбады беле?

- Мындан ары, - Эркин Эмилдерге карай сүйлөп жатты, - Жайдаркан жөнүндө жаман атты сөз уксам, элдин алдында асып таштайм!

- Туура, кесир сөз жаман да!

- Намысына тийген экен бечаранын.

- Жигит экенсиң, айланайын! - дешип ак баталарын берип дуулдай тарап жатты эл.

Эл алдында уят болгон балдар үй-үйүнө жөнөдү. Эмил үйүнө барбай ээн жакты көздөй жөнөп баратканда Эркин атын чаап анын артынан жете барды. Эмил намыстанып ээн жерге барып аттын чылбырына муунуп өлмөк болуп кетип жаткан. Катуу кетип аткан Эмилди кууп жетип, Эркин тизгинден алды:

- Күнөөлүү өзүң, эми өзүңдү өзүң өлтүрсөң туура тозокко барасың! Жаш жаныңды кыйнаба, Эмил, сен да менин ызамды келтиргенсиң.

- Эмнеге келдиң, табалаганы келдиңби?

- Табалап эмес, достошкону келдим.

- Кантип? - Эмил ызалуу көздөрүн ага кадай түшүнө бербей сурады.

- Ушинтип эле. Атыбыз уйкаш, жашыбыз тең курбу. "Эр чекишпей бекишпейт" дегенди билесиңби? - Эркин колун суна аны жылмая карады.

- Мен макулмун! - Эмил да колун берип, экөө ат үстүнөн айкалыша кучакташа кетти.

- Дос болууга ант берем!

- Антымдан кайтпас үчүн сөз берем!

Камчыларын оозуна тиштеп аттын үстүндө кол кармашып, алдыларындагы аттардын аягы тыпырап, туяктары жерди оюп жүгөндөрүн шылдырата кишенеп эки азаматтын антташканына күбө болуп кулактары тикчийип эдиреңдешет.

- Төшү түктүү жер урсун!

- Жети атамдын арбагы урсун!

- Кыямат кайым болуп, башым жер жаздангыча антыма турам!

- Ажал алкымдан алып, душман мойнума бычак такаса да антымдан кайтпайм!

Экөө көптөн кийин гана аттарынан түшүп кайрадан кучакташты:

- Түбөлүк кыйбас дос үчүн жанымды аябайм!

- Жан аяганды ант урсун! - деп тирешип туруп, анан экөө тең каткырып калышты.

- Ыраазымын досум, ыраазымын. Азыр уятымдан өз жанымды кыйганы калдым эле, кантип билдиң?

- Мен сенин көзүңдөн эле билгемин.

Ушул учурда жай мезгилинин салкын жели чөп башын сеңселте тээ кыр башынан кылайган айдын нуру экөөнүн оюна кошулгансып жүздөрүн аймалай: "Туура кылдыңар, тирүүлүктүн бир үзүм бактысына экөөң тең татыктуусуңар. Ылайым бир бириңе жөлөк болуп, дос деген анттын атына шек келтирбей жигиттик куракта жылдыздай жанып, оттой күйүп, жаман жолдон алыс, кыйын иште калыс болуп жигердүү өмүр сүргүлө" дегенсип баркырап турду. Булардын достошуусун дилинен сезген Кутман карыя: "Ушундай болмок, аксарыбашыл айттым, жараткан! "Жакшыга жанаш, жамандан адаш" дегендей, Эмилим жакшы жигитке жанашты" деп ойлоп:

- Калмат, кара улак даярдап тур, уулуң касташпай достошуп келе жатат. Экөөнө улак чаап анан үйгө киргизгиле, - деди эле Калмат: "Дагы эмне деп атат? Отуруп алып кайдагыны ойлоп чыгара берет" деп ойлоп аргасыз короосун көздөй басканда аттын дүбүртү чыгып жанаша бастырган эки жигит короо четине токтоп аттарынан түшүп калды. Калмат шаша короого кирип кара улак жетелеп чыга калды.

- Ас-сало-ому алейким! - Эркин кош колун суна салам айтты озуна.

- Ал-лейкум атсалом, келгиле! - Калмат да кулун суна учурашты.

- Ата, бул Эркин. Экөөбүз достошуп келдик, мен болбой ээрчитип келдим, - Эмил атасына тааныштыра кетти. Ошол кезде Кутман карыя таягын таяна чыга калып:

- Ээ Дилде, чыгына суу алып чык, эки чыныга! - деди.

Дилде эки чыныга суу алып чыкты эле, Кутман карыя өзү алып бирин Эмилдин, бирин Эркиндин башына тегеретип чачты:

- Ата-бабанын арбагы колдоп, Манас Атанын күчүн, Бакай атанын акылгөйлүгүн берсин жараткан. Кеңпейил элиңердин оорун колдон, жеңилин жерден алып, кара кылды как жарган калып болгула, балдарым! - дегенде экөө тең карыяга таазим кылып жиберишти, - Жамандыктын баары чыныдагы сүү менен кетип, жолуңарда ак шам чырак күйүп турсун, оомийин! - бата кылып экөөнүн жүзүнөн сүйдү карыя.

- Айтканыңыз келсин, аба!

- Айтканыңыз келсин, чоң ата!

- Окшошкон арамдар, токтой тургула, - Кутман карыя ар жакта улак союп жаткан Калматка карады, - Өпкөсүн сууруп апкеле кал, балам! - Арыдан-бери өпкөнү алып келе калган өз уулунун колунан өпкөнү алып эки бөлүп экөөнү эңкейте берип жоолук жаптырды да, - Балакеттин баары артта калып, алдыңардан ийгилик тосуп чыксын. Дос деген атка арзып, өмүрүңөр узун, өрүшүңөр жайык болсун! - деп өпкөнү иттерге ыргыта берди, - Кана, үйгө киргиле!

Ошентип Эркин менен Эмил түбөлүк дос болду. Экөө бир күнү үйлөнмөк болуп бөлүнүштү. Эркин үйүнө келгенде аны атасы жаркылдай тосуп алды:

- Азаматсың, уулум, - деп өзүнөн бойлуу, олбурлуу уулун эңкейте маңдайынан өөп, - Сенин жигитчилигиң үчүн сыймыктанам. "Атадан артык уул, атадан кем уул, атага тең уул бар" дешет, сен атадан артык уул деген эл сөзүнө татыдың!

- Ата, кантип сизден артык болуп кетейин? Сиздин тарбияңызды алып чоңойдум, демек ата-энемди уятка калтырбайм!

- Алдыңа кетейин десе, өмүрүң узун болсо экен. Элдин жаман сөзүнөн, көзүнөн сактасын жараткан, аман бол! - деп апасы Дилде чыныга суу көтөрүп чыгып башынан тегеретип үч түкүрттү да алыс чачып, - кир үйгө. Балээнин баары артыңда калсын, артыңа карабай кирип кет! - деди.

Үйгө кирип жайланышып отургандан кийин Туякбай уулуна карап:

- Кутман карыянын небереси уруптур, аларды эл алдында маскара кылды, балаң азамат экен деп дароо жеткиришти, балам. Жылкыга жыгып, кайра аны элге таратканың акылмандык. Достошконуң да сенин кадыр-баркыңды көтөрүп, эл дуу кеп кылып атышат.

- Ата, аларды сотко берип каматканда эмне табам? Өздөрү уят болду. Жанындагы балдары жылкы эмес, кой колунан келмек эмес. Кутман карыяны сыйладым, Эмилдин жылкыны таап келерин билдим, аягы жакшы бүттү!

- Айланайын, көп эле эл оозуна кирбей жүрчү, балам. Үйлөн да, шаарга кет, садагам, - Дилде энелик мээримин чача уулун кырсыктан сактагысы келип турду.

Аттиң, эненин балага болгон мээримине эч нерсе тең келбес ов. Ооруган жерин өз денесине алмаштырып, ажалына кете берүүгө даяр!

Туякбай кирип-чыгып ойлонуп жатты: "Уулум эл адамы болсо менин кадырым, менин сыймыгым эмеспи. Мынчалык ортодо байланыш болуп калгандан кийин Кутман карыяны чакырып уулума батасын алайын. Эл кадырлаган, жаман-жакшыны касиети менен сезген адамдын батасын алса өнүп-өсөөрүнө жакшы" деген чечимге келди да, аялын конок күтүүгө камына бер деди.

- Дилде, уулуң Бакай атадай акылман, көрөгөч адамдын батасын өз үйүнөн алыптыр, андай кишини өз төрүбүзгө сый конок кылып отургузуп батасын алалы.

- Мейли атасы, кыздарды күйөөлөрү менен, келин-уулдарды да айтып кой!

- Айтпаса болбойт, ата-бабадан калган сатты, элибизден чыккан акылгөй, көрөгөч адамдар чыкканын, Манас атанын акыл кошчусу Бакай атадай улуу адам азыр да бар экенин балдар билип жүрсүн. Өз элинин каада-салтын, улуу адамдарын билбеген кыргыз баласы үчүн уят! - деп кунан коюн союуга белендеп коюп, Кутмандын үйүнө киши жөнөттү. Өз иниси Кадыркул атын желе бастырып тез эле коңшу айылга жете келди. Калмат сыртта жүргөн.

- Ассалому алейкум, аке!

- Ал-лейкум салам, кел иним. Кел, кайдан келатасың? - Калмат аны тааныбай бүшүркөй карады.

- Мен Туякбайдын инисимин. Кутман абаны кемпири менен, сизди чогуу конокко чакырып келдим.

- Жакшы-жакшы, иним, түшүп даам ооз тий!

- Ырахмат, ооз тийдим. Тезирээк келсин дейт, күтүп атышат!

- Чакырган жерден калба деген, - Аңгыча бир келини табакка нан, кымыз көтөрүп чыкты. Кадыркул нандан ооз тийип, кымызды жутту да:

- Ырахмат, - деп Калматка карады, - Күтөбүз, аке. Кутман абаны өзүң ала кел деди эле..

- Сен бара бер, биз өзүбүз эле барабыз. Жолуңдан калба, иним, сөзсүз барабыз, - Калмат алтымыштан ашып калса да атасынан ыйбаа кылып турчу. Үйгө кирип Кутман карыянын жанына отуруп анан сөз баштады:

- Ата, тиги Туякбай раис киши жибериптир, конок болуп кеткиле дейт.

- А-аа, чакырса баруу керек, балам. Ата салтын билген уул жерде калбайт.

- Камыныңыз анда, мен Дилдеге апамды кийинтип тур дейин, - Калмат ордунан туруп эшикке чыгып даярдана баштады. Кутман карыянын башына сүлөөсүн тебетейди кийгизип, үстүнө бейкасам чапанын жаап атка мингизди да өзү апасы экөө эки ат менен жөнөп калышты. Дилде болбой койду: "Тоодой-таштай кайнатам менен кантип отурам? Сыйга барчу күн болоор. Улуу келинимин, мен үйдө эле калайын. Апам барып көрүп келсин" деп койду. Күн төбөгө келип жайдын аптабы кайтып, мезгил күзгө таяп калган. Эки айылдын ортосу төрт-беш чакырымдай жер. Кутман карыя жетээр-жеткенче ойлонуп бара жатты: "Аттиң, карылыгым акылымды жеңип кеткен экен, келин болбосо да тескери батамды бербей койсом болмок. Эркин жакшы жигит, өлөөр өлгүчө сый үстүндө жүрөт, бакыбат, кадыр-барк күтөт, бирок тукум калбайт бечарадан. Экөөнүн бактысына мен балта чаптымбы? Жо-ок, андай эмес, бул пешенелеринен" деп ийин күйшөй улутунган баладай жеңил дем алып алды. Жанындагы өмүр бою бирге ысык-суугуна тең орток болуп уул-кыз төрөп берип, бир кылымга жакын жан шериги болгон кемпирине көз кыйыгын агытты: "Байкушум, карып баратат. Артымдан калбай ээрчишип кете беребиз. Кудайга шүгүр, небере-чөбүрө көрдүк. Жашаган сайын жашоого тойбойт тура пенде" деп ойлонуп ат үстүндө телмирип кетип баратты. Айылга кире бергенде эле эки атчан алдынан тосуп чыкты. Бири Кадыркул, бири Эркин:

- Атсало-ому алейкум, аба!

- Атсало-ому алейкум!

- Аллекум салам!

Учурашкандан кийин жол баштап үйгө алып жөнөштү. Туякбай ызаат менен тосуп үйгө киргизип, алдыларына дасторкон жайып, кымыздан куюп, бир аз тыныккандан кийин:

- Кутман аба, малга бата кылып коюңуз! - деди Туякбай ызаат менен колун бооруна ала.

Калмат атасын сүйөй ордунан тургузду. Сыртка чыгып кыбыла тарапка каратып буту буулган торпоктой кунан койду карап ак сакал Кутман карыя:

- Омийин, жараткан алла пендесинин ар бир ишаратын кабыл кылып, тилеген тилегин берсин. Уулуңардын учу узарып, сый-урматтын сересине жетсин! Алаху-акбар! - деп алакан жайды эле, кыбыланы караган бойдон баары бата кылды.

Малды сойчу азамат өз ишине киришти. Кайрадан үйгө кирип дасторкон четинде узун сөздүн уламасын улап, өткөндөн кеп кылып, бул улуу эки кылымдын жүзүн көргөн карынын сөзүн угуп кандай отурушту.

- Ээ балдарым, - деди Кутман карыя жайкалган ак сакалын сылай, - Бу заман өзгөргөнү, элибизди орус, казак аралаганы ата-бабанын үрп-адаты, ызаат-сыйы бара-бара унутулуп калабы дейм. - Карыя тунжурай түштү. - Көргөн-билгенди улам кийинки балдарга жеткирип турсаңар ошондо улуу сөз өлбөйт, салт өзгөрбөйт. Аталык парзыңарды ар бириң сактап, жаштарга насаат айта жүргүлө! - Карыянын нускалуу сөзүн атайын келип угуп отургандар үнсүз гана баштарын ийкегенге жарады.

Не дешмек, бул адамдын алдында сөз сүйлөй турган ким бар? Кылым карытып, токсондон ашык жашаса да акылынан адашпай элге насаатын айтып отурган карыянын сөзүнө жооп бермек же сөз кошмок кайда?

Алдыга эт келип, устукандар тартылып, жигиттер майдалап эт туурап, чыктап шорполуу кесме алдыга келгенде карыядан мурун табакка кол салган адам болбоду.

- Бис-симилла, - деп карыя алдындагы баштан кыя кесип ооз тийип, жанындагы жигитке узатканда ал башты арыдан-бери буза салып, отургандарга табак менен кыдырата ооз тийгизди. Ошондон кийин гана өз алдындагы кол созуп тамак жеп, артынан шорпо ичишти. Бул элдин, өзгөчө колунда бар адамдардын жасаган ырасымы экенин отургандар дагы бир эске алышты. Төрүндө отурган карыны сыйлоо парзы, карысы бардын ырысы бар деген сөздүн ушунчалык чындыгы бар экенине да терең баа беришти. Мындай жерден жок дегенде ысык шорпо ичип калгысы келгендери да жок эмес эле. Эт желип колго суу куюлуп, бата кылмак болгондо Эркин менен Эмил катар туруп калды. Анткени Эркин өзү барып досун ээрчитип келген эле.

- Ата салты, бир ууч кыргыз элимдин жакшыларынын жолун жолдоп эл сыймыгы, ата-энеңердин чырагы болуп жанып, бу жарыкчылыкта достугуңар ашып-ташып, Каныкей менен Айчүрөктөй жар туш болсун, кызыңар кыз Сайкалдай, уулуңар Семетей менен Курманбектей баатыр болсун, оомийин, аллаху акбар! - деп Кутман карыя алакан жайганда дуу этип дасторкондо отургандар кошо бата беришти.

- Манас атанын арбагы колдосун!

- Ырыстуу болгула!

- Ынтымагыңар ырашкер болуп, максатыңарга жеткиле! - дешкенде эки жигит бирдей ийиле:

- Айтканыңыздар келсин! - деп таазим кылышты.

Бул алтымышынчы жылдардын башында Токтогул өрөөнүнүн Тельман айылында болгон жакшы ырым-жырым, акылгөй адамдардын акыркыларынан калган осуят көпкө чейин айтылып жүрүп, акыры унутулгандай болду.

Каада-салт менен чакырылган конокко ат мингизип, үстүнө чапан жаап узатты Туякбай.

Ошондон он күн өтпөй Жайдарканды той түшүрүп, кыз-жигитти шаңга бөлөп оюн куруп, кыз-жигиттер ушул тойдон пайдаланып жолугушуп бири бирине ашыктык ырын ырдап эки күндөн кийин кызды алып кетишти. Бул тойдо Эмил дагы болду, сүйгөнү Гүлайым менен сөз бекитип, келээрки жумада экөө үйлөнмөк болушту. Эмил күйөө жолдош болуп Эркин менен Жайдаркандын никесинде күбө болду. Айдай жүзү албырган Жайдаркан ушул күнү бактысына ыраазы, ал тойго Жамгырбек менен эжелерин да чакырган, алар сыйлуу конок болушту. Жамгырбек карындашына ак батасын берип ыйлап коштошуп, кадимки бир боорундай бактысын тилеп турду. Кең пейил элдин: "Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт" деген сөзүнүн чындыгы да бар, калпыс жагы да бар. Пенденин бактысы да, шору да бир кудайдын колунда экенин кээде моюнга алгыбыз келбейт. Жайдаркан сүйгөн адамына кошулуп, бактысы тоодой. Алар Эмилдин тоюнда катышып ак тилектерин айтып түбөлүк достуктун күбөсү катары эл менен бирге жүрдү. Жайдаркан менен Гүлайым да ыймандуу, ынтымактуу. Аңгыча күзгү окуу маалы келип, Эркин менен Жайдаркан шаарга кетишти. Кудай кошкон бактыларына карк болгон эки жаш шаарга келип батирде туруп калды. Эркин сабакка барып, андан кийин жумуш иштейт. Жайдаркан буруксута даамдуулап тамагын жасап аны күтүп алат.

Эркин окуусун бүтүп инженер болуп иштеп калды. Арадан өткөн төрт жыл экөөнүн сүйүүсүн өчүрбөй кайрадан бири бирине ынак, бири бирине ысык болуп бара жатышты. Бирок балалуу болушпады. Ошондо Эркин атайын Жайдарканга айтып, кеңешип, бала багып алышты. Баланы багып алганын эч кимге айтышпады, анткени бир жылга Эркин алыс жакка үйбүлөсү менен кетип, атайын аялын көрсөтпөй бир жыл дегенде баланы алып келгендин эртеси сүйүнчүлөп өзү барды үйүнө. Карып калган ата-эне кубанганынан келинине жалынып-жалбарып, небересин өөп-жыттап көрүп келишти. Келинин айылга бала торолгончо жүрүп келсин дегенге Эркин болгон жок, сыры ачылып калабы деп коркту.

- Айланайын кудай, бирөөнө кеч берет, бирөөнө эрте берет. Кудайым кулум десе минтип өзү кубантып койот, - Дилде жетине албай кубанып атты.

- Аллага шүгүр кылалы, байбиче, буйруса ушул жаманыбыз жыйырма биринчи неберебиз экен, үч жети - көрдүңбү кемпир, бул да кудайдын бергени. Ошон үчүн атын Кудайберди койолу.

- Атын өзүң кой. Тиги кудаларга сүйүнчү жибердиңерби? - Дилде келинин карады.

- Апа, сүйүнчүнү сиздер жибериңиздер, - Жайдаркан уяла жер карады, - Бала сиздердики.

- Айла-анайын десе, - Туякбай ыймандуу келинине ыраазы боло сүйлөдү. - Эркин, досторуңдун бирин жөнөт, биз кетелекте келип калышса жентек тойду берип коюп кетели.

- Макул, ата, - Эркин Жайдарканды карады, - Бешубакка айтсак эле келишет да?

- Ооба, ошого эле айтсаң баары угушат, - Жайдаркан алардын көзүнчө абдан кысынып атты, анткени Дилде аны кыймылдатпай:

- Кокус, жаш төрөгөндө жакшы тыңыбасаң оорукчан болуп каласың. Отур, мен деле кыла койом, жасап жүргөн ишим да, - деп чебелектеп жатты. - Жат, балам, уулуңду тез-тез эмиз! - деген сайын анын жүрөгү сыздап: "Ай кудай ай, абийирим ачылып калбаса экен. Эркин эле кылбадыбы, болбосо минтип жүзүмдү кызартып уятымдан жерге кирип кете албай кысынып отурбайт элем. Өзүмө кудай бербесе кантем, кудайым ай" деп, уулун ички үйгө киргизип упчу менен чай берип тойгузуп коюп жатты.

Туякбай менен Дилде: "Байкушум десе, келгенине беш жылдан ашса да ыйбаа кылып турат. Ыймандуу келинчекке жолуккан уулум аман болсун" деп өз ичтеринде ойлоп отурушту. Үч-төрт күн туруп калышты. Турус менен Калыя, уул-келини, эки эжеси болуп келип калышты. Жээнтек той берип, иштешкендерин чакырып бапырап отуруп от коюу ырасмын кылмай болду. Наристенин кулагына азан айтып атын Кудайберди деп коюшту.

- Наристеңердин өмүрү узун болсун, айланайын!

- Артынан убай-чубай ини-карындаштарын ээрчитип келген ак жолтой бала болсун!

- Өмүрү узун болсун! - дешип ак тилектерин жаадырып жатышты.

Турус абдан сүйүндү: "Кантсе да акылдуу адам эмеспи, каргаганын кайра жандырган экен. Каргышы ката кетчү эмес эле" деп ичинен кубанып отурду. Неберелерин ар кимиси ала коюп, куда-кудагыйлар эки-үч күн дагы жүрүп калды. Ошондо Калыя өз эне эмеспи, ал кызынын баласын эмизбегенин байкап калды:

- Кызым, балага сүт бере бербей, эмизсең боло?

- Апа, эмизе албай байытып алдым, упчуга көнүп калды.

- Кой айланайын, эненин сүтүндөй болбойт, итиркейиң келип эле эмизбей койсоң керек?

- Жо-ок, апа, эмизе албай атып ыйлаганынан упчу сала койсом ошого бат эле көнүп калды, - Жайдаркан апасына чынын айткысы келген менен кайненеси угуп калабы деген ойдо ишендирүүгө аракет кылып атты.

Куда-кудагыйына Турус небере бир айга толгондо бешикке салууну кеңешип:

- Буйруса бешик тойду өзүм өткөрүп берем, дал ошол күнү келип калгыла, куда, - деп барбалаңдап отурду. Бул кезде Бешубак эки балалуу болуп калган. - Жээн неберемдин бешигин алып келип беребиз. Мына биз деле карыдык. Алдыбыз жетимишти, артыбыз алтымышты арытып баратабыз. Небере, чөбүрө көрсөткөн аллага шүгүр!

- Ананчы, кудай деген пендебиз да, куда. Кудай кошкон куда, пайгамбар кошкон дос болот деп экөөбүздү кудай кошту. Жаман эмес, Жайдарканым жаман бүлө эмес, кемпирим экөөбүз кызыбыздан кем көрбөйбүз.

- Ооба-ооба, куда. Келиним эмес, кызымдай көрөм алдыңа кетейинимди, - Дилде чалын кубаттай башын ийкеңдетти.

- Жакында биздин неберебиздин тушоо тою болот, куда. Өзүбүз чакыртып алабыз. Бешубагымдын экинчи уулу тамтуң басып калды.

- Болсун, болсун, кудагый, барбай анан.

- Өзүм жүгүрүп, кудамдын небересинин тушоосун өзүм кесейин, ыя кемпир? Баш байгеге жетимишимде ээ болсом жаман эмес! - Туякбай тамашалай күлүп калды.

- Капырай, башбайгени сен эле болсоң бербей кал. Раис болуп жүргөнүңдө жөө кадам басчу эмес элең, айла жок эле ажатканага басып барчусуң, - Дилде аны карай ээликтей күлүп койду.

- Күлүк күнүндө, тулпар тушунда деген, кудагый. Кудам да мезгилинде күүлдөп калды да, - Турус кудасына тарта кубаттап калды.

- Ооба десең. Колхоз жардыланып, жаш жигиттердин баары согушка кетип, кыйын кезде башкарма болдум. Күндөп-түндөп талаада жүрдүм. Бел чечпей жатып, таң заардан жумушчуларды үйүнөн чогултуп, каран калгыр жашы жете элек балдар менен аялдар... Анан жөө жүрсөң иш бүтөбү - жаман чолокту теминип жүрүп далай иш бүтүрдүм го?

- Кой эми мактанба, - Дилде эрин тыйган болду, - Бу, карыганда адам көп сүйлөп калат окшойт, ботом.

- Болду, кемпир, болду эми. Чыны кыйын кезди өткөрдүк, согуш бүткөндөн кийин андан бетер бригадирлериң жоро-бозодо жүрсө аларга сөгүш берип, "ак, так иштегиле, партбилетти сыйлагыла" деп какшап жаштык өтпөдүбү?

- Жалгыз эле сен белең ошондо? Партком, бухгалтер, кампачылар чогулуп, жоро-бозодо сен деле жүрбөдүңбү?

- Анда-мында болчумун, бирок жан үрөт иштедим, кемпир. Сен аялсың, билбейсиң, менин эмгегимди өкмөт билген үчүн сыйлап атат да, - деп бакылдашып көпкө отурушту. Алар кеткенден кийин Жайдаркан Эркинди карай жалооруй сүйлөдү:

- Эркин, кары адамдарга кошуп кудайды да алдадык, кантип ушул ишке бардык? Эркин, алардын жүзүн тике карай албай аябай кыйналдым, - Жайдаркан ыйламсырап ийди.

- Эмне кылыш керек, Жайдар? Жайдарым менин, "аялың төрөбөсө башкага үйлөн, кеч боло электе кетир" дешсе кантем, же сен ошого макулсуңбу?

- Төрөп бералбасам аргасыз көнөт элем да. Минтип жүзүмдү карартып, алардын ар бир айткан сөзүнө жүрөгүмдү оорутуп отурбай.

- Жо-ок, мен макул эмесмин, баланын баары эле бир бала. Өзбү, өзгөбү, негизгиси үйбүлөнү сактап калсак болду. Биз бири бирибизди сүйөбүз.

- Аның ырас, Жайдаркан жарк эте күлүп ийди. - Атакеси, өзүмдөн бала жок деп бир кездерде арман кылбасаң эле болду.

- Андай болбойт, жаным. Уулум чоңойсо экөөңдү каалагандай багып алам! - Эркин быйпыйып уктап жаткан наристени мурдунан чымчый эркелетип, анан келинчегинин колунан алып төргө жаткырып койду. - Азырынча экөөбүз эркелешкенге убакыт бар. Анан бу жигит чоңойсо жаныңа жолой албай калам го? - деп Жайдарканды кучактап жыгылды.

Убакыт өтө берди, Эркин кызматтан кызматка которулду. Айылдагы туугандарынын көбү ага келип балдарын, кыздарын окууга өткөрүп бер деп суранышат, көтөрүнүшүп, акчасын акчалай алып келишет.

Андан кийин Эркин дагы үч бала багып алды. Атасы Туякбай сексен жети жашында дүйнөдөн өттү, ызаат-сыйын кылып, аруу жууп ак кепиндеп койду. Ооба, жаралган соң өлмөк бар эмеспи. Эркин элүүгө чамалап калганда кайната-кайненеси, апасы өттү. Кадыр-барк менен көмдү аларды. Акыркы сыйларын кылды. Эркиндин кадыр-баркы менен ошол кезде шаардан чубаган машинелер келди. Баарында Эмил кошо жүрдү. Катташып кол үзүшпөдү. Кудайберди үйлөнгөндө алар заңгыраган үйдө жашап калышкан. Келини казак кызы, тили ширин, абдан ийкемдүү. Тойду ак өргөөгө баруудан башташты. Эркин ал убакта ЦКда иштеп турган. Үйлөнүү тойду өткөрүп, келин-уулуна үй белек кылып бөлүп койду. Кудайбердини баары өз баласы деп ойлоочу:

- Капырай, жалгыз баласын бөлбөй эле коюшпайбы? - деп бири айтса, беркиниси аны тыйып:

- Башка баласы болбосо бир жөн, турбайбы дагы үчөө, - деп сөздөрү түгөнбөй атты. Эл оозунда элек жок деген ошо да:

- Ой аларды багып алган, Жайдаркан бирди эле төрөдү.

- Жо-ок ай, аны деле төрөбөй багып алган имиш.

- Кой нары, бирди төрөдү байкуш. Жакшынын тукуму аз болот деген чын. Төрөбөй жүрүп бирди төрөп алган.

- Ай ишенбесең кой, Кудайбердини деле багып алган имиш!

- Бул сөзүңдү менден башка бирөө укпасын, уят болуп каласың, - дешип бирин бири жактырбай шыпшынып тим болушту.

Кудайбердини окутуп-чокутуп койгон. Казак келини да жигердүү жердин кызы болгондуктан билерман, кыларман болду. Жыл айланбай кыз, андан кийин уул төрөп берди. Жайдаркан неберелерин багып үйдө бактысына магдырап балпайган аял болгон. Алтымыш эки жашында Эркин оорубай-этпей башым деп жата калып эле оо дүйнө салды. Жайдаркан ыйлап-сыктап кала берди. Бел кылаар балдары, неберелери менен алаксып, өлгөндүн артынан өлмөк жок дегендей, баккан балдарын бел тутуп калды. Аңгыча заман өзгөрүлүп, союз урап, эл баш аламан болуп турганда Жайдаркан көпчүлүк эл менен кошо жер басууга барып эптүүлүк менен ар бир баласына жер алып кайра сатып бизнеске өттү. "Элиң бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол" дегендей, ошондон баштап Жайдаркан алдым-жуттумдардын катарында жашы өткөнүнө карабай шылуундукка өттү...

***

Канат Аселди тапкандан кийин шаарда бир жумадай жүрдү. Аны таза кийим кийгизип, кадимкидей болуп өңүнө киргиче туруп, анан айылга алып келди. Бул кезде кайнатасы жок, кайненеси бар болчу. Ал кичинекейин алдына алып отурган экен. Асел кирип келатканда аны бир карап алып: "Капырай, бу Аселби? Аны алкаш болуп адам кейпинен кетип калыптыр дешпеди беле? Эл деген кызык: жакшынакай боюнча эле тура байкушум" деп ойлоп ага жылуу жүз менен учурашты:

- Кел балам, келегой!

- Апа, жакшы жүрөсүзбү? - Асел кайненесине отура калып бетинен өөп учурашты. Алдындагы баланы өөп колуна ала койду. - Ий садага кетейин, чоңойдуңбу?

- Жакшы, балам, жүрөм аман-эсен. Ушуларды эптеп карап отурам.

- Ананайын десе, чоң энеңди кыйнаган жоксуңбу? - Асел өөп-жыттап, балага үйрүлүп түшүп атты.

Аны Канат карап жылмайып, өзүнчө бактылуу болуп турду. Үйбүлө бактысы аял. Баланын күлкүсү эненин кубанычы экени ырас ко? Канат: "Аселим өзү төрөгөндө кандай сонун болот эле! Карачы, бала менен кандай жарашып калды. Эмнеси болсо да Аселимди таап алганым жакшы болду. Эне-бала болуп бат эле көнүп калат. Асел өз энесиндей карайт" деп ойлонуп атты. Асел көнгөн үйүнө шымалана жумуш жасоого өттү. Ойноп жүргөн Зарылбек кирип келип делдейе карап калды.

- Закен, апаң болот, бара гой апаңа! - Канат уулун кучактай бетинен өөп эркелетти. - Көрдүңбү, апаң келет дебедим беле, келип калды.

Үч жашар бала Аселди жал-жал карап туруп калганда Асел анын жанына келип эки ийнинен кармап, өзүнө каратты:

- Закен, мени тааныдыңбы? Садагам десе, сагындыңбы?

- Ооба-аа, сагындым апа, апо-ов!

- "Апа" дегениңден садага кетейин десе, мен дагы сени аябай сагындым, - Асел баланы бооруна кыса көзүнүн жашын төгүп кучактап өпкүлөп атты.

- Оо атасынын гөрү ай! Эне-баланын сүйүүсү ай! Кудай деги баланы энеден, энени баладан айрыбасынчы, - деп эне аларды карап көз жашын жоолук учуна аарчый отуруп шыпшынып алды. - Ушунуңарды кут кылсын жараткан!

- Апа, эми Асел булардын апасы. Ашыкча сөз айтылбасын. Булар жаш, эчтеке билбейт, мурунку дегенди эсине салбагыла, - Канат апасына карады. - Өлгөн өлдү, балдарымдын апасы мына, Аселдин жүрөгүн оорутуп жүрбө!

- Аселим алтындай келин, эч бир жаман сөзүн уккан эмесмин. Айланайынымдын төрөбөгөнү гана болбосо... - Эне күбүрөнүп отуруп калды.

Асел келгенден баштап балдарга үйрүлүп түшүп, кайненесинин алдына ысык тамакты коюп күйпөлөктөп жаны тынбайт. Түйшүктүн баарын көтөрүүгө даяр, болгону "балдар менен Канаттын жанында болсом болду" деген ойдо эт-бети менен мээримин төгүп атты: "Кудай ай, мен жеңилмин, акылым тайкы тура, өзүмдү кармай албай бузулуп, сайда саным калаарда таап алган Канатка ыраазымын" деп өзүн күнөөлүү сезип жүрдү. Канат эркектин сырттаны эле, анын ошол турпатын көрсө да үн-сөзү жок, эскертип айтпай баягы жаш кезиндеги жаңы үйлөнгөн жылдарындай эле ага үйрүлүп түшүп, кабак-кашын карап турат.

Бир күнү алардын үйүнө балдардын таенеси келип калды. Аны сыртта жүргөн Асел каршы алды:

- Келиңиз, үйгө кириңиз, - эшикти ача берип үйгө жаңсады.

- Келдим, кудагый үйдө бекен? Неберелеримди бир көрүп кетейин деп эле келип калдым. - Ал үйгө киргиче бажырап атты. - Садагаң кетейиндерим, томсоруп калышты го энеси жок.

Асел тааныбай турган, сөздөрүнөн улам анын балдарынын таенеси экенин сезе койду.

- Апам үйдө.

Кобурашкан үндөн улам Бактыкан жатып алган жеринен өйдө болуп отуруп калды. Асел келген кемпирди үйгө киргизип, чай койгону ашканасы тарапка кирип кетти.

- Кандай кудагый, жакшы жатасыңарбы? Бу өз келиниң келип эле колуңа иш тийбей оңуп калгансың го? - Сергил киргенден эле чымчый сүйлөп кыйгыштап баштады.

- Анан кантейин, кудагый. Карыганда казан-аяктан качып калат экен киши. Асел байкуш мени аяп кыймылдатпайт. Кел эми, кудагый, учурашалы. Мен эки күндөн бери ордуман туралбай ооруксунуп жаттым эле, - Отурган жеринен колун суна обдулуп учурашып, Сергилге өз жанынан орун көрсөттү. - Отур мындай.

- Келдим. Сага го жакшы дечи, карыганда ооруңду колдон алып жумуштан чыгып. Балдарга кыйын болду го, садагаларым, энеси жок томсоруп. Аттиң ай, өз энесиндей болмок кайда-а?

- Апей ботом, Асел андай эле ары тур келиндерден эмес. Балдарды тим эле үйрүлүп түшүп өз энесинен артык карап атат.

- Капырай де. Туубаган катын каерде баланын баркын билчү эле, кудагый. Силердин көзүңөрчө ошентип койо берет да!

- Кудагый, андай эмес ал. Бала ыйласа ыйлап, сооронсо сооронуп өзү төрөгөндөй бөпөлөп отурат. Андай жаман ойлобогула!

- Садагаң кетейин Салимам өлбөгөндө бул балдары кор болбойт эле. Андан көрө буларды алып кетейин, кудагый. Өлгөндөн калган белек деп өз колуман тарбиялап өстүрбөсөм болбойт. Өгөйгө күн салгылык кылбасын! - дегенде кирип келаткан Аселдин колунан дасторкон түшүп кете жаздап, мууну калтырап-титиреп басалбай туруп калды.

- Кой кудагый, Салима дагы жаман келин эмес болчу. Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы дегендей, ал өлбөсө балдарынын маңдайында болмок. Эми балдарды алып кетем дебе?!

- Алып кетпесем өгөйдүн каарын көрүп өсүп калат. Тартынчаак, жалтаң болуп калбайбы?

- Андай болбойт, атасы турат. Ушул экөөнү берип ийип ал жинди болуп кетпейби? Асел балдарга өгөйлүк кылбайт. Андан көрө келип-кетип көрүп тур!

Асел эч нерсе билбегендей кирип келип дасторконун жайып чай сунду:

- Чай ичиңиздер!

- Чайга кара, кудагый! - Бактыкан кудагыйынын алдына нан жылдыра үн катты. - Нандан алгыла.

- Алып атам, эмеле чай ичип чыккам, - Сергил кыйгачтай нандан чымчый чыныны оозуна кармады. - Ушу турган жерден ачка калмак белем.

- Кудагый, сени ачка деп ойломок белек. "Чай ич, тамак ичип кет" деген ызаат-сый да. Балдар турат, дагы далай чайлашып, аш-тойдо бирге болоорубузду унутпа!

- Өлбөй ка-ал, Салима, өлбөй кал! Балдарыңды жалдыраты-ып гана өгөй энеге таштап кеттиң го?! - Сергил албууттана ыйлап алды. Асел чыгып кетти. - Ушул мисирейген неме балдарга жакшылык кылбай калсын.

- Капырай, "адам көңүлү күл" дейт. Эбедени эзилип өз баласындай көрүп багып аткан келинге мынчалык жаман ой ойлобосоң болмок. Ал андай эмес дедим го? - Бактыкан кудагыйына жини келип кага сүйлөдү. - Өзүң да мындай карай алмак эмессиң, чындай келсе!

- Эминеге? Чаң жугузбай карайм. Бергиле неберелеримди, биерге бүгүндөн баштап калтырбайм! Буларды эмне болду деп санааркабай жанымда болсун.

- Бала биздики экенин унутпа, кудагый. Силерге жээн болот. "Күйбөс катын кошокчу" болбосоң антип. Атасы жумушунан келсе өзү менен сүйлөш, береби же бербейби, өзү билсин!

- "Күйбөс катын кошокчу" деп... Кыздын баласы бала эмес бекен? Же бизден алыстатып чоочун өстүргөнү жатасыңарбы?

- Ой кокуй күн десе, каттатабыз ак-караны таанып калганда, түшүндүрөбүз. Ушу жерде турасыңар, кантип каттатпай коймок элек?

- Кагылайыным аай! Өлбөй ка-ал, өлбөй кал! Бармактай балдарыңды шүмүрөйтүп таштап кеткениңди кантейин...

- Ажал келсе, ичээр суубуз түгөнсө биз да өлөбүз, кудагый. Баланы орто жолдо кыйнабай тим кой. Мен тирүү турсам, атасы буларды силерге бербейт!

Ошол убакта Асел кирип келди. Бактыкан өзүн ыңгайсыз сезип үндөбөй кайсалактап отуруп калды. Асел дасторкон четине отура калып саал үнү дирилдей минтти:

- Эне, мага кудай баланы ыраа көрбөптүр. Ырас, сиздин жээниңер экен, балдарды атасынан алыстатпай эле коюңуз. Мен атадан өтө жаш кезимде калдым. Апам да өлгөн, туура көрсөңүз апа дейин, кызыңыздын өзүндөй көрбөсөңүз да кызыңыз болоюн. Төркүнүм деле жок, төркүн кылып алайын.. - Мукактана көзүнүн жашы ирмелбей төгүлүп кетти.

- Олда-аа айланайын ай десең! Азем кудагыйым дагы аялдын жакшысы эле, адамдан башкача жаралган жан эле... - Бактыкан көз жашы кыла шыпшынып алды.

- Ий-и, билбей анан. Аземди мен да билем, зымдай болгон жакшы аял болчу, - Сергил да алардын оюна кошула отуруп Аселди карады. - Асел, кызымдай немесиң, мейли апаңдай көрсөң көр, балдарды томсортуп какпай-силкпей кара, айланайын, - деп жоошуй сүйлөдү.

- Бала эмес, ит менен мышыкты "мыш" дей албайм, апа. Мен да адам баласымын, балдарга тилим, колум тиймек тургай акырая карай албайм. Кам санабаңыз, бир-эки аптада өзүм ээрчитип барып турайын.

- Мейли, балам, ошент. Көңүлүңөн айлансын, чалыма айтып барайын, Канат экөөңөрдү чакырып жолуңарды ачып койолу.

- Мына кудагый, эми сөзгө келдиң. Аселим асел дегендей эле бар, кишичилигин айтпа! Өзү айткандай бир гана кызыл эттин айынан кем болуп атпайбы? - Бактыкан келинине ыраазы боло сүйлөдү.

- Кудайдын кудуретинен айланайын, өзү сүйүп берип, өзү сүйүп алат тура. Кой эми, мен кетейин. Чал мени кечигип жүрүп алды деп атат ко?

- Апа, отура туруңуз, тамак асып койдум, эми эле бышып калат, - Асел кичипейилдик менен суранды.

- Ооба десең, отур кудагый. Кызың жасаган оокаттан жеп, жай отуруп сый көрүп кет. Салима жок болсо сыйлаган жок деп ойлоп жүрбө!

- Мейли, кудагый. Отурса отурайын эми, анча-мынча сүйлөгөнүмө капа болбогула. Бу курган өлүм жаман тура, эшик аттаганда эле кызымдын баскан-турган жерлерин көрүп зээним кейип кетпедиби!

- Өлүм ошонусу менен да: бирин алса бири өксүйт, арман кылат, бирок өлгөндүн артынан өлмөк жок экенин билесиң да?

- Аттиң дүйнө десең, ошентет экен да-а! - деп күрсүнө отуруп калганда сырттан Зарылбек кирип келди. - Алдыңа кетейин десе, кел келе гой, чоңоюп жүрөсүңбү? - Сергил аны кучактап ыйлап бышактай кетти, - Беркиси уктап атабы?

- Сен келээрдин алдында эле уктаган. Ал азыр эчтеме менен иши деле жок, Аселди апалап ээрчип жанынан чыкпайт, секет кетейин.

- Кантейин, чырымталында жетим калып энесин билбей калды, айлам гана жок...

- "Башка келсе көз тартат" дейт, кудагый. Сен эмес мен деле Канат үйлөнсө бөлөк аял кандай болот, ушуларды кор кылбас бекен деп ичимен сызып жүрдүм эле, Аселдин балдарга үйрүлүп түшкөнүн көрүп аябай кубанбадымбы, кудагый, - Бактыкан шыбырай сүйлөдү, - Өзү жанда жок жакшы келин, кылт эткенди билет.

- Ошондой эле болсо экен, чүрпөлөрүмдү кордобосо эле болду.

Эки кудагый аркы-беркини сүйлөшүп отурганда кичүүсү ойгонуп калып ыйлап калды. Сергил көтөрүп алса ага болбой чалкалап ыйлаганда Бактыкан алды эле ага да болбоду. Ашканадан Асел кирип келди эле ага карай колун суна бакырып ыйлаганда ал алды эле тып эле басылып калды. Наристенин Аселге барып басылып, төшүнө башын катып алганын көргөн Сергил: "Бечара, баланы жакшы көргөнүнөн ушинтип атат да, болбосо мине. Көөнүм тынып ушулардын көз жашын көрбөсөм экен. Кызым тирүү болгондо башкача болбойт беле?" деп унчукпай калды. Асел баланы сооротуп кайненесинин алдына берээрде ал болбой чаңырып "апалай" бергенинен көтөрүп чыгып кетти. Ошол убакта Канат келип калды эле, ага баланы берип тамагын алып келип ортого койду. Канат кайненесине учурашып отуруп калганда:

- Кел, келе гой, мага келчи! - деп балага колун сунганда ал атасына качып болбой койду. - Мурдуңа наалат. Булар тайке-тайын тааныбай чоңойот экен да.

- Апа, кантип эле? Чоңойсо алып барып турам. Тааныбай калгыдай алыс жер эмес ко? - Канат экиленген кайненесин жактырбагандай үн катты.

- Ошентсе деле, бөлөк эле аял багып чоңойтуп жатса, бөлөк боор болуп калат да.

- Кудагый, анын баарын сүйлөшпөдүк беле? Асел "кызың болоюн, мага төркүн болгула" деп атат, байкуш. Эми башкача сөзгө өтөлү, анын дагы жүрөгү бар, кечээ жакында эле келди. Канатты балалуу болсун деп тоскоол болбой кетип калган, жазмыш деген ушундай экен, өлүп ажырады.

- Эми силер ошентесиңер да. Кызым байкуш жүрөгү сыздап жүрүп эле өлүп калды. "Канат мени сүйбөйт, апа. Кантейин, балдарыбыз чоңойсо акыры көнүп кетээр" деп мага ыйлаган эле. Ошолорду эстесем анан кантип тим отурам? Аселим деп жүрүп кызымды оорукчан кылган ушул өзү! - деп Канатка жиндене кеткенде Асел кирип келип чыныларга шорпо куюп дале эчтеке билбегендей зымырая отуруп:

- Алыңыздар, тамакка караңыздар, - деп шыпылдай берди.

- Алып атабыз, айланайын. Тынчыраак отуруп өзүң дагы тамактанып ал, керээли кечке көчүгүң жер жыттабайт, - Бактыкан келинине жан тарта өнтөлөп калды.

- Ал, айланайын, ала гой өзүң дагы, - Сергил дагы ага жан тарткан адамдай карады. - Үч-төрт күндөн кийин үйгө чакырып алам, барып-келип тургула. Балдарды тез-тез көрсөтүп келип тургула бизди сагынтпай.

- Барып турбай анан, барышат.

- Барабыз, апа, барбай анан. Балдар деле чоңоюп баратат, эки анжы кылбай тим коюңуздар, өзүбүз барып турабыз.

- Эки анжы болот деп каттаткыңар келбей атабы? Биротоло өлгөн энесин унуткарып апаң бул деп көндүрүп атасыңарбы?

- Баккан эне эне эмеспи? Же Салиманы бул өлтүрүп, атайын келиптирби? - Канат жиндене кетти.

- Антип ойлогон жокмун, болгону өз энесин эсине салып, эстетип коюп жүргүлө, тууган энесин ачык айткыла дегеним да, - Сергил кыйпычыктай калды. - Салима унутта калбасын дейм да?

- Унутулбайт. Эс-акыл кирсин, сөздү түшүнө турган болсо анан айтабыз да!

- Мейли, айланайын, бала силердики, мен киришпей эле койдум. "Тайке-тайың ушулар" деп бизге каттатып турсаңар болду, - Сергил кайра өзү оңтойсуздана отуруп калды.

Тамак ичилип бата кылгандан кийин Сергил кетти. Асел үндөгөн жок. Ал: "Аттиң, өз баламдай көрүп баккан күндө дагы булар эки анжы кылып балдарды орто жолдо бузуп мага боор бердирбейт ко, эми канттим?" деп казан-аягын жууп отуруп ойлуу мелтиреп жүрөгү сыздай берди: "Болоор болбоско чөкпөйүн, ансыз да Канаттын алдында күнөөкөрмүн, жеңилдик кылбайын. Пешенеме жазса көнбөскө аргам канча?" деп өзүнө өзү кайрат бере ордунан турду. Канат аны сезди, үндөбөдү: "Байкушум ай, буга дагы далай сөз сүйлөсө керек. Чыда жаным, чыда, баары өтөт-кетет, сенин көңүлүңдү оорутпай жашап өтөм деп ант берем. Сен менин жашоомсуң, сен менин бактымсың" деп ойлонуп отуруп: "Балдар чоңойсо апаң Салима, ал өгөй апаң деп тигилер айтса ошондо да азап чегет ко. Кой, буга бир бала багып алалы деп айтайын, аны эч ким талашпайт" деген бүтүмгө келип, ал оюн Асел менен бөлүшмөк болду. Ошондо сырттан аттын дүбүртү чыгып сыртка чыга калса Аселдин тагасы Канболоттун баласы экен.

- Кел, тага, түш аттан! - Канат анын атын тизгиндей калды.

- Жезде, шашып жүрөм, той кылып атканбыз, Асел эжем экөөңөрдү келсин деди эле атам.

- Жакшы болот, барбаганда анан. Сен түшүп нан ооз тийип чык, анан деле жетишесиң, - деп болбогон оюна койбой аттан түшүрүп үйгө киргизди.

- Оой, кел Марат! Тагамдар аман-эсен жүрөбү, тынч аманбы? - Асел ага жадырай учурашты, - Таажеңем жакшыбы?

- Баары эле жакшы жүрүшөт. Бүгүндөн калбай келсин деди атам, тамга той бергени жатканбыз.

- Жакшы болгон тура, бирок апам жалгыз мал менен кантет? - Асел Канатты карады.

- Апамдын жанына Теңизбайды апкелип койом, аялы экөөнү тең.

- Анда мейли, сен аларды тез алып келе кал, мен баланы кийинтип даярданып турайын.

- Ошент. Закен кала берсин, бирин эле алалы.

- Ооба, Закен апама эрмек болот да, эки-үч күн жүрүп калабызбы...

- Мен кетейин, эже. Дагы бара турган жерлер бар, - Марат туруп кетмек болгондо аны атказып коюп Канат иниси Теңизбайдын үйүнө кетти. Көп кечикпей аны аялы экөөнү алып келип калды.

- Чоң апаңарды биз келгиче карап тургула, биз тойго барып келели! - деди Канат.

Теңизбай агасынын улуу баласы. Үйлөнүп, балалуу боло элек эле.

- Чоң апамды кантип карабай койолу, - Теңизбай агасына күлө карады.

Канат менен Асел эки ат менен уулун өңөрүп алып тагасынын үйүн көздөй жөнөдү. Кошумчасына тай жетелеп, кийим-кечесин алып, жолдогу дүкөндөн килем алышты. Алар келгенде иңир кирип калган, той камылгасына кеңешкени туугандары менен отурган Канболот ит үргөндө чыга калып бакылдай тосуп алды:

- Оо келгиле, меймандар! Келгениңер жакшы болбодубу. Маратты эң алды силерди айтып, ары өт дедим эле.

- Атсало-ому алейкум, тага, той маарек болсун! - Канат аттан түшүп кош колун суна учурашты.

- Аллейкум салам, күйөө бала, киргиле үйгө! - деп Канат жетелеп келген тайды "короого байла" деп бир баласына айтты да, аларды үйгө баштап кирди. Үйдөгүлөр келгендерди жапырт карап сөздөрүн токтотуп калганда Канат:

- Атсало-ому алейкум, агалар! - деп киргенде эле салам айтып кирди.

- Аллейким салам. Келгиле, өйдө өткүлө! - деп дасторкон четинде чай куюп отурган келиндин жанындагы жигит тура калды.

- Бул күйөө бала, Азем эжемдин кызы Аселдин күйөөсү. Эжеми билесиңер да, бул болсо жээн, - Канболот артынан кирип келатып бакылдап атты. - Байкуш эжем, Аселди кыйын дайындап жатып өлдү эле...

- Азем эже абдан жакшы киши эле, кел гой айланайын, өзүбүздүн жээн турбайсыңбы, - дешип экөөнө төрдөн орун бошотуп беришти. Колундагы эки жаш болуп-бололек баланы алдына алып Асел коомай отуруп калды.

- Аселим келип калыптыр, күйөө бала экөөнү чакырып алам деп дегеле шартым келбей жүрбөдүбү, эми минтип уулу менен келип уят кылып отурат, - Канболот аялы Жыпарды карады, - Тойдун башы кылып баягыңдан алып кел, кемпир.

- Мейли, жээн кыз келип калыптыр, күйөө бала экөө үй көрдү кылып келиптир, эми сыйлабасак таарынып калбайбы? - Жыпар шакылдай ордунан туруп сервантынан жаңы чыккан арактан экини алып келди.

Аселдин ичип кеткенин булар деле уккан, бирок издеп барышкан эмес. Асел Канатты карады эле, ал башын аста чайкап тим отур дегендей ишарат кылып койду. Асел баягы бойдон оозуна алалек болчу: "Ай кудай ай, ичирбей эле койсо экен, мас болуп калбасам экен!" деп алдын ала сактанып атты. Аракты стакандарга куюп тарелкага салып кыдырата отургандар бирден алып атты. Канат анда-мында ичип койчу, азыр унчукпай өзүнө бирди, Аселге бирди алып алдына коюп койду.

- Кана эмесе туугандар, сөздү жээн күйөөгө берсек кантет? - деди тейлеп жаткан жигит.

- Ооба, жээн күйөө сүйлөсүн, - деп колдоруна стакандарды кармап жымжырт болуп отуруп калышты.

- Эмесе, тага, ушул үйүңөр кут болсун! Жылда бирден үй салып ар бир балаңызды бөлүп чыгара бериңиз. Үйбүлөңүз менен ынтымакта өмүр сүрүп, уул-кыздарыңыздын урмат-сыйына татый бериңиз! - Канат сүйлөп болуп жанындагыларды карады. - Сиздерге да жакшылык каалайм, алып коюңуздар!

- Оо азамат, айтканың келсин!

- Сөз эмес бекен!

- Ушул сөзгө кошулгандар кеттик!

- Биз да ушул сөзгө кошулабыз! - деп дуулдаша алып ийишти. Асел албай койду эле, Канболот аялы экөө аны карап сүрөп кирди:

- Асел, алып кой садага, жээн десем таарынып калдың окшойт, чындаса карындашымдай элесиң. Тайкеңдин тоюнда ичпегенде качан ичесиң, алып кой эми!

- Жээн кыз, ушул тойдо албасаң анан, жок дегенде бир жолу алып кой!

- Жеңе, албай эле койоюнчу, балам да түнкүсүн ыйлап кыйнайт. Ичпей эле жакшы тилегимди билдирейинчи?

- Жо-ок болбойт, азыр албаган качан аласың, айланайын жээн? Сени көрүп Азем эжени көргөндөй кубанып отурабыз, ушул тойдо бизге окшогон тайке-тайларың менен ичип кой, эчтеке болбойт. Баланы карай тургандар бар, - дешип баары жаалап ийгенде Асел стаканды колуна алып оозуна алып барып саамга мелтиреп туруп калды, азыр анын көз алдына биринчи жолу ачка жүрүп арак ичип алганы тартыла түштү: "Оо кудай, ушу карангалгырдыкы, ичпейин дебедим беле. Мейли эми, ичсе ичейин, адам көңүлү ачуу болсо ушуга байланыштуу болуп турса кантейин" деп көзүн жума алып ийди.

- Ырахмат, айланайын, тагаңды сыйлаганың апаңдын арбагын сыйлаганың, - деди отургандардын бири.

Андан кийин да үч-төрт жолу алды, бирок мас болгон жок. Аңгыча кеңешүүгө келген туугандарына арнап сойгон койдун эти бышып алдыга келди. Колго суу куюлуп табак тартылды. Отургандардын үч-төртөө: "жээнге бер" дешип устукандарын карматып жатышты. Азем жөнүндө да кеп кылып эскеришти.

- Азем эже өмүрү ушу ак суудан таткан жок, байкуш.

- Ооба, эжем абдан жакшы киши эле, мектепте иштеп жүрүп сыйланды, эл агартуунун отличниги болуп жүргөн.

- Азем эжем ыракматы тууганга да абдан жакшы эле, эми ушу кызына өмүр жашын берсин, ошонун арбагын сыйла, садагам.

Көпкө отурушту. Асел баласын көтөрүп сыртка чыгып кетти. Түн бир оокумда жатууга камынып жигиттер менен келиндер эртеңки тойго тартылчу этти бышырып бака-шака түшүп жатты.

Эртеси таң эрте кудалары, достору улак таштап күрү-күү түшүп калды:

- Оо-ууй! - деп атчан бирөө дарбазадан ашыра ыргытып кетти.

- Улак келди, торпок улак экен!

- Дагы бир улак түштү!

- Улак келди! - дешип келин-кыздар, жигиттер улакты ашкана тамга алып кирип атты.

- Той маарек болсун, - деп аңгыча эле көтөрүнчөк көтөргөн аялдар, келин-кыздар бурала басып келип атышты.

- Андай болсун, келиңиздер! - деп тейлеп жүргөн шакылдаган келиндер аларды конок үйлөргө жайгаштырып жүгүрүп жүрдү. Келген элге табак тартылып, бир даары кетип, түш оой баштаганда кетип аткан табактарды жөнөтпөй жолдон Канат уулуна табак карматып:

- Биз жээн табак кармадык, - деп тамашалай күлдү.

Табак ташыган жигит бөкөл башчыга барды, ал Канболотту чакырды. Канат улам өткөн табакты тосуп:

- Жээниңер жээн табакты кармап алды, - деп күлүп атканда Асел аны жылмая карап:

- Тайкесинин тоюнда жээн табак кармап балам чоңоюп калган тура! - деп Канболотту карады. Ал:

- Алып келгиле, атайын чүйгүндөп жээн табак жасатып келгиле! - деп кыйкырып калды. Асел менен Канат сүйлөшө калып дароо бир жигитти жиберип арак алдырды. Ырым-жырымын жасап даяр болуп турду эле чоң табакка үймө эт салып, чучук салып көтөрүп келип калышты. Арыдан-бери табакты бошотуп арак менен кошо таттууларды салып чекесине беш жүз сом койду да, Канат:

- Жээн табактын акысы, ооз тийип коюңуздар! - деп күлө карады эле, көргөндөр:

- Азамат, салт билген күйөө бала экен. Илгертен жээн табак бар, мына тойдун көркүн чыгарды. Канболоттун тою айтып бүткүс той болду, - деп бакылдашты.

- Күйөө бала атанын баласы да! - дегиче Канболоттун кызынын күйөөсү беш жашар баласына жээн табак карматып калды:

- Ата, жээн табакты жети жолу кармаш керек, бул жээниңиз дагы табак кармап жатат!

- Ап-бар-ракелде, "жээн киргиче жети бөрү кирсин" деген ушу, Канболот, жээн табак кармаган жээнге табак алып кел! - деди ак сакал карыя.

- Алып келгиле, жээндеримен жээн табак айлансын. Чүйгүндөп жасагыла! - деп үн салды Канболот.

Экинчи табак дагы үймө болуп келди. "Манастан Чубак кем бекен?!" дегендей, ал күйөө бала дагы ырымын жасап табакты толтурду да, миң сом салып койду.

- Ой ууй, жээндер табак талашты, - дешип тамашалай күлүп жатышты.

Тойдун шааниси андан ары уланып, келген кудалар эшикке чыгып ырдай баштады. Түшкөн улактын этин казанга салып аны тартышты. Көк бөрүнүн эти дары дешип, кызмат кылгандар бирден улак алып кетишти. Күнү кечке келген эл той ээсине ыраазы болуп ак баталарын берип тарап жатты. Үч күнү тынбай келген элге эт тартылды, Канболоттун каттоосу көптүгүнөн эшигине кошумчага жылкы баш болуп, койго чейин байланып турганы көргөн элдин бир даарын таң калтырса, бир тобунун ичи күйдү.

- Ой бу Канболот эмне, канча жыл совхоздун коюп багып жүрүп баарын колго алган да.

- Кой баккан тиги Койчу акем чычкак улагы жок растрата болуп чыкпады беле. Аны да эбин билген жасайт.

- Ой, бу деген чоңдорго жагынып кой-козусун көбөйтүп жүрүп анан байыды да!

- Ошону айтсаң. Деги Канболот кыйын экен, карачы элди да алыптыр, каттоосу да укмуш көп келди.

- Байкуш, жетим болуп жетилген, көрсүн пешенесине жазганын, - дешип ар кимиси ар кандай сөз кылып, бир даары чын дилинен мактап аңыз кылып атты.

Үчүнчү күнү Канат менен Асел кетмек болду. Канболот аларга толгон кийит кийгизип, уулуна торпок энчилеп, кудагыйга деп атайын табак жасатып берип узатты. Үйүнө келип той жөнүндө кеп баштап:

- Апа, неберең жээн табак кармап келди, ооз тий! - деди Канат кубана.

- Ботом, бир барган жериңерге эркелеп кеттиңерби? - Бактыкан Аселди карады. - Деги жээн табакты билгендер бар бекен?

- Билбей анан, билип эле чүйгүндөп жасап келди.

- Анан ырымын жасадыңарбы?

- Ооба, мен дагы ойдогудай ырымын кылдым.

- Жакшы болгон экен. Бечара Канболот жакшы жигит, өсүп-өнө берсин, - деп бата кылды.

Ооз тийип жылкынын этин жегенде жакпаганын түшүнгөн Канат Аселди карады:

- Апама жылкынын эти жакпайт, коңшу-колоңду чакырып ооз тийгизип кой, ээ?

- Мейли, чай-пайды кайнатып даярдап алайын, - Асел арыдан-бери конок бөлмөсүнө дасторконунун жайып коңшуларын чакырды.

Экиден, үчтөн болуп он чакты аял-эркек келди. Тойдун чачыласы деп куржунга эки бөтөлкө салып койгон экен, аны бузуп Асел жетине албай жатты:

- Тагамын тою абдан жакшы өттү. Ой, министриң деле ушундай берет да. Тим эле торпок-улактарга сан жетпейт, убагында баарын алып койгон экен.

- Болсун, сенин төркүнүң да, күйөөр-сүйөөрүң да ошол Канболот, тою тойго улансын, тилеги орундалсын, - дешип, алдыларына койгон эт, казы-карта, чучуктан, таттуулардан ооз тийип атышты. Арактан куюп аны сунду Асел:

- Кана эмесе, эжелер, сиңди-жеңелер, ушул тойдун чачыласын алып койгула! - Асел албыра жоолугун оңдой отургандарга карады.

- Алса алып койолу ээ, ушундай тойлор боло берсин, той ээси бакытка жетсин, биз дагы той берип жакшылыкта жолугушуп жүрө берели!

- Кана алдык! - дешип стаканды көтөргөндө эрксизден Аселдин көз алдына дагы подвалдагы бир элес тартыла түштү. Ошондо Асел туулган күнүм деп койсо аны жандап жүргөн неме кечинде бир топ тамак-аш менен кошо эки бөтөлкө алып келип: "Бүгүн менин кара көз сулуумдун туулган күнү, келгиле тост айтып көңүлүн көтөрүп койолу" деп "досторуна" айтканда алар дагы колдорунан келгенин алып келип бир топко чейин бака-шака болуп: "Келгиле алып жиберели, Аселдин өмүрү узун, келечеги кең болсун. Ушул жерде отургандар да кыйынчылыктан чыгып кетели" дешип эч нерсе болбогондой, бай турмуш, жай турмушту башынан кечирип жаткандай сүйлөп отурушту эле: "Ээ аттиң, биздин жүрөгүбүз назик, жумшак, ушундай жашоодо жашасак дагы, ал эми байлыгын кайда чачаарын билбей жаткандардан өткөн мерес, текебер эч ким жок, биз жетебиз муратка, акмактар калаар уятка" деп бирөөсү селсаяк жашоодон тажагандай санын чаап ордунан туруп ары-бери басып бир топтон кийин гана отурган эле. Ушуларды ойлоп мелтиреп калган Аселди:

- Асел, сага эмне болду? Кел эми, өзүң дагы бир менен алып кой! - деген теңтуш келиндин үнү анын оюн бузуп жиберди.

- А-аа, мен жөн эле, апамды ойлоп кетпедимби, - деп кызара түшүп колуна стаканды алды, дале анын кулагына подвалдагы үндөр жаңырып оюн онго бөлүп араңдан зорго эстебей коюуга аракет кылып отурду. - Келгиле кошуналар, ушу тагамдын тою тойго уланып, уул-кызынан урмат-сый көрүп жүрө берсин. Силерге да ылайым тойдун үстүндө жүргүлө демекмин!

- Азамат десе, алдык анда, кошулабыз оюңа!

- Ылайым айтканың келсин! - дешип бир топко чейин отуруп, тарашты.

Аларды Асел узатып коюп кайра кирди. Канат эки бети албырып кирген Аселди карап гана койду: "Эси бар, эми ичпейт деле. Кээ-кээде ичсе ичип койо берсин. Ичинде арманы бар, жүрөгүн оорута албайм, чын жүрөгүмдөн сүйдүм эле, өмүрлүк жарым. Ызасына чыдабай ансыз да көп азап тартты" деп ойлоп эки уулун ойнотуп отура берди. Канат өз ичинен: "Бүгүн айтайын, эптеп бир бала багалы дейин, жо-ок, кыз багып алалы дейин, кыз жакшы эмеспи" деп унчукпай отура берди. Асел да ушул ойду ойлоп жаткан: "Бала багып алалы десем көңүлүнө алат, кыз багып алалы деп айтам, эки уулубуз бар, кыз багып алалы дейин" деген чечимге келди. Зарылбекти, кайненесин жаткыргандан кийин өз бөлмөлөрүнө кичүүсү Асылбекти алып кирип жатып алды да, экөө тең сөздү эмнеден баштаарын билбей кайсалаңдап улам Асел баласынын шымдарын, түндөсү берчү сүтүн дайындап жүрө берди.

- Асел, - деди көптөн кийин Канат аны аста кучагына кыса, - Бир сөз айтайын дедим эле?

- Айта бер, тынччылыкпы? - Асел күйөөсүнөн момурай сурап койду.

- Тынччылык эле, - Канат бир топко буйдала калды, - Асел, эгер туура көрсөң кыз багып албайлыбы?

Асел аны жалт карады, анан каткырып күлүп жиберди:

- Кишинин ичиндегисин окуп коймоюң барбы?

- Эмнеге? - Канат анын ушул азыркы турпатына суктанып да, күлүп да сурап ийди, - Эмне, сен дагы ошентип ойлодуң беле?

- Ооба, сага айталбай аткам, макул болобу, болбойбу деп.

- ой жинди десе, баладан тажаган киши барбы? Канча болсо да бага беребиз, чын эле кыз багып алалы, ээ?

- Мен да ошентип ойлоп аткам, бирок экөөбүзгө мен деп эле төрөгөн баласын ким бере койот?

- Табабыз да, шаарга барып өчүрөткө туруп келебиз. Анан татынакай өзүңө окшогон сулуу кыз багып алабыз.

- Ошентеличи Канат, үч жашка чейин ала берели. Жаңы төрөлсө деле мейли, кыскасы бир кыз багып алалы.

- Мен дагы ошону ойлонуп калдым, эки уулубузга эже же карындаш болсун, ээ? - Канат Аселди имере кучактап өөп койду. - Асылым менин, тиги кайнене сага эчтеме деген жокпу?

- Жо-ок, эмне демек эле, эч нерсе деген жок. "Конок чакырам, барып тургула" деди.

- Анда жакшы кыялы кармап турганда келген экен, анын кыялы чатак, жөндөн жөн эле чыргыйттай берет. Сен ага көңүл бурба, сүйлөсө сүйлөй берсин.

- Мен ага таарынбайм деле, балким менин балдарым болуп мен өлүп калсам менин апам да ушинтмектир... - Асел ойлуу шыпты карай жатып калды.

- Кейий бербечи, Асел. Кыз багып алабыз, ал өзүң төрөгөндөй эле болот. Балдар деле сени апа дешет, сени тааныйт, иренжибе. Тиги таене сөрөйү ар кайсыны сүйлөп балдарды бузуп кыйнайт го, болбосо алар али жаш, өз энесин билбей деле калды.

- Кой Канат, өлгөн кишини унуткан болбойт, ала кушту атынан айт деген, балдары өз энесин эскергенине каршы эмесмин.

- Макул эми, сенин жүрөгүң ооруп, көңүлүң иренжийби деп ойлойм да!

- Мако-ом десе, мага сенин жүрөгүңдүн берилгени, таза дилиң, сүйүүң болсо болду. Эч нерседен кам санаба, мырзам, биз сиздин кызматыңыздабыз!

Асел күйөөсүнө эркелей кетти, экөө көпкө чейин жаңы көрүшүп, сагынычы ташыган жаштардай эзилишип жатышты. Анан Канат уктап, Асел узун ойдун учугун улап дале баягы селсаяк жашоосу көз алдынан кетпей ары-бери оодарыла уйкусу качып тынчы кетип жатты: "Менин сулуум, чүрөгүм" деп калаар эле өзүн жандап жүргөн Рустам: "Тобо-оо, ач-жылаңач, тапса шам-шум этип, таппаса арактан ичип алып элдир-селдир басып жүргөн селсаякка деле сулуулуктун, аруулуктун таасири күч, дем берип, өлбөстүктүн дайрасында калкып агып, тирүүлүккө жетелеп турат. Жашоонун кызыгы бир эле колунда барларда эмес, селсаяктарда да бар, ошону балкалар билеби? Кайдан, мусаапырчылыкты көрбөсө, азап чегин ач-ток болуп кыйналбаса кайдан билсин?" деп ойлонуп жата берди: "Байкуш апам, мени ойлонуп баласыз өтөбү деп санааркап жүрүп өтүп кетти. Эгер ал болсо мен ал күндү көрмөк эмесмин. Караанымдан кагылып жашап өткөн апакеме эрмек, караан болуп жанында болуп азап тартмак эмес экемин. Бирок менин кызыл эт балага зар болуп жүргөнүмдү көрсө ого бетер ойлонуп кейийт эле. Көрбөгөнүң жакшы болду, апаке. Жашымда билсем эрге тийбей жалгыз өзүңдү багып отура бермекмин!" деп жатып, таң сүрө баштаганда гана көзү илинди. Көзү илинээри менен бир башкача түш көрдү: "Мен сенин апаңмын, мени тааныйсыңбы, кызым, кагылайын? Мени бир карап койчу, мен сенин апаңмын!" деп бир аял анын маңдайына туруп алып эки колун суна кучак жайып келе жатты. Асел артка кетенчиктеп артын караса Азем турат: "Кызым, ал сени алдап жатат, сен менин эле кызымсың, сен ага ишенбе, ал сени таштап кеткен, ал сени кызым дегенге акысы жок". Тигил аял ага жакындап: "Жо-ок, мен сени төрөгөм, апаң менмин, мени карасаң, кызым, сени мен төрөгөм", деп келатты. Азем болсо ага жеталбай эки колун булгап: "Ага барба, сен менин гана кызымсың!" деп үнү алыстан угулгандай элеси бүлбүл көрүнө алыстап баратты. Тигил аял улам жакындаган сайын жүзү ачык көрүнүп күзгүдөн өзүн көрүп тургандай өзүнө окшош аял маңдайында турду: "Жок, жок, менин апам башка, сен эмессиң! Азгырба, мени азгырба, сен шайтансың!" деп кыйкырган Асел ойгонуп кетти. Канат алда качан туруп сыртка чыгып кеткен. Жүрөгү лакылдап эки жагын карап уулунун бөйтөйүп уктап жатканын көрүп жылмая ичи элжиреп алды: "Садагам десе, эч нерседен бейкапар уктап жатканын кара, ушул бойдон эле бейкапар жашоону өткөрүп жүрө берсең экен. Силердин кубанычыңар менин кубанычым" деп бөйтөйгөн ууртунан өөп туруп атканда Канат кирип келди:

- Ойгондуңбу?

- Ооба, катуу уктап калыпмын, ойготуп койсоң болмок, - Асел күйөөсүн тээ жаңы келгендегисиндей наздана карады.

- Көрсөң балаңды, кандай уктап жатат? - Канат Аселди ийинден ала уулун көргөзө сүйлөдү:

- Албы, ал дүйнө капар наристе да, Канат. Азыр ал эч нерсе менен иши да жок, таптаза наристе уйкуда жатат! - Асел ойлуу баланы карап, көргөн түшү эсине кирип муңая түштү.

- Дал ошол дүйнө капар наристедей эч нерсени сезбей уктап жатыпсың да, анан ойгото албай койдум, - Кучактап өөп койду эле, Асел таарынгандай анын колунан бошонду:

- Кана ошондой наристе болуп калсам? Мен санаадан жүрөгүм ооруп ары карап сыздап, бери карап жылмайып жүргөн бир алсыз аялмын да, Канат. Менин жандүйнөмдө карлуу борошо уруп, канымда бүт дүйнөнү каптачудай болгон сел агып жатат!

- Койчу жаным, азандан өзүңдү кыйнабай, жүрү апам ойгонуп Закен экөө бизди күтүп жатат, бирдеме ичип алып жумушка барайын.

- Азыр, - Асел уулунун үстүн кымтылап коюп сыртка чыкса Зарылбек ыйлап астынан чыкты:

- Апа, апа дейм, мени чоң апам урду!

- Койчу балам, чоң апаң сени урбайт. Эмне, бейбаштык кылдың беле? - Асел эңкейип аны көтөрө койду, - сен чоң жигитсиң да, ыйлабай жүр!

- Апама барам десем ал мени жибербей жатпайбы?

- Эмнеге барам дедиң эле?

- Сенин жаныңа жаткым келген, мени уктатып коюп Асылды алып жатасыңар мине...

- Сен биздин жаныбызга жатканда чоң энең коркуп калат да? - Асел аны өөп жылмая кайненеси жаткан үйгө кирди, - Апа, сиз Закен жокто коркосуз ээ?

- Ийи-ии балам, мен жалгыз калганда корком да.

- Ики, коркпойт! Эми мен атам менен апамдын жанына жатам, Асыл чоң энемдин жанына жатсын! - Зарылбек бултуя Аселдин төшүнө башын катып алды, - Силердин жаныңарга жатам, ээ?

- Ма-акул, эми сен отуруп тур, мен чай алып келейин, кардың ачтыбы, балам?

- Ооба-аа, - Зарылбек отуруп калды.

- Закен, - Бактыкан небересине эңкейе карады.

- Оо-ов...

- Сен мени жаман көрөсүңбү, уулум?

- Жо-ок.

- Анда эмне менин жаныма жаткың келбей атат?

- Жөн эле, апамдын койнуна жаткым келет да.

- Мен сен жок болсоң өлүп калам да.

- Өлүп? - Зарылбек чоң энесин таңгала эч нерсеге түшүнбөгөн байоо сезими менен карады, - Өлгөндө мине болосуң?

- Өлүп калам, мен жок болом. Анан сен мени таппай ыйлайсың да.

- Каякка кетесиң, чоң эне?

- Өлүп калам дейм.

- Мейли, кайра келесиң да? - Зарылбек санаасы жок, чоң энесин карап койду. - Өлсөң кайра эле келесиң да...

- Ой кокуй күн десе... - Бактыкан күлө өлүм деген эмне экенин түшүнө бербеген небересин чекесинен сылай өөп койду. - Аман бол, каралдым. Ата-энең менен эле болчу, - Эне ойлуу отуруп калды: "Садагаң кетейиним десе, өз энең өлгөнүн билбей калдың. Эми кудагый буларга ар кайсыны айта берип, булар чоңойсо ыргылжың кылат ко. Чалжыңдаган неме, карыса да калжыңы калбаган аял экен, жаман катын карыганда жаш болот. Ойлонбой сүйлөп Аселди да кыйнабагай эле" деп уулу киргенде ага карады.

- Апа, Закен сени менен жатпайм деп атабы? - Канат күлө сурады.

- Ооба, өлүп калам десем да болбойт, "кайра келесиң" дейт ко бул арам, - Бактыкан да уулуна күлө карады.

- Закен, чоң энең өлүп калса эмне кыласың?

- Өлсө өлө берсин, кайра эле мени койнуна катып алат да.

- Атаңдын оозун урайын десе, - Канат уулун эркелете мурдунан чымчый жанына отурду да алдына алды, - Өлүп калса мен ыйлайм, а сенчи?

- Ыйлабайм, өлгөндө үйдө болот да, же алы-ыс жакка кетип калабы?

- Алы-ыс жакка, биротоло кетип калат. Өлгөндө кайра келбейт!

- Анда өлбө, чоң эне. Өлбөй эле кой, мен сенин жаныңа жатам, - деп атасынын алдынан туруп барып Бактыканды кучактап калды, - Өлбөгүн, чоң эне!

- Садагаң болоюн десе, сен жанымда жатсаң, ойноп жүрсөң эле мен өлбөйт, каралдым, - Эне небересине ичи жылый өөп алдына отургузду, - Дайыма жанымда болосуңбу?

- Ооба, жаныңдан чыкпайм, алыс барбайм, апамды жөн эле өөп койом. Асыл анын жанында жата берсин!

- Каралдыларым десе, деги өзүңөр менен өзүңөр болсоңор эле болду, - эне үшкүрүнө отуруп калды. Асел тамагын-чайын алып келип куюп берип эми отурмак болгондо Асылбектин ыйлаганы угулду эле, кайра ички үйгө барып аны көтөрүп келди.

- Күчүгүм десе, ойгонуп алып апасын таппай ыйлап калган тура, - Асел аны эркелете жанына отургузуп алдына чыныга муздатып тамак койду. - Куйсагың ачтыбы?

- Мм-м, - деген бала тили чыга элек, апасына көзүн сүзө карап эстеп койду.

- Жарыгым менин, - Асел кашык менен ага тамак жедирип атканда Канат ордунан турду:

- Кой, жумуштан кечигип калбайын, - Сырткы кийимин кийди да чыгып кетти.

- Апа, апо-ов, - Зарылбек Аселге карады, - Сен мени жакшы көрөсүң, ээ?

- Ананчы, Асыл экөөңдү тең жакшы көрөм, садага! - Асел аны мээримин төгө жылмайып карап, - А сен кимди жакшы көрөсүң, атаңдыбы же мениби?

- Атамды дагы, сени дагы жакшы көрөм!

- Садага кетейиним ий, чоң энеңдичи?

- Чоң энемди деле... - Зарылбек ойлуу чоң энесин көз кыйыгы менен карап койду. - Чоң энем өлүп калам дебатпайбы?

- Эмнеге?

- Сенин жаныңа бир эле күн жатайын дегем да.

- Олда-аа кагылайын десе, апаңдын жанына жата гой, каралдым, эми өлбөйм.

- Чынбы, чоң эне? Өлбөйсүңбү? Бир эле жолу апамдын койнуна жатайын да, анан болду! - Зарылбек кубана чоң энесин өпкүлөп атты.

Асел үндөгөн жок: "Ушинтип өзүмдөн чыккан бала айтса кандай гана бактылуу болоор элем. Булар бир күнү боору бөлөктүгүн кылат ко?" деп телмире отуруп калды. Алар ошентип отурса Бактыкандын сиңдисинин кызы келип калды.

- Эжеке кандай жакшысызбы? Жеңе, кандай? - деп учурашып отура кетти.

- Жакшы айланайын, апаң жакшы жүрөбү?

- Мен шаардан келдим, эже. Аларга бара элекмин... - деп жер карады Гүлүя.

- Ботом, шаардан окубатат деди беле сени? - Бактыкан сиңдисин үрпөйө суроолуу карады.

- Ооба, окуп жатам, эже... - Гүлүя сырдуу жылмая карап көзүн ылдый түшүрдү.

- Учурашканы келсең ырахмат. Айланайын.

- Сизди көрө кетейин деп эле кайрылып калдым.

- Кел, Гүлүя, чай ич, - Асел ага чыны узатты.

Ал чыныны алган менен аста ууртап отуруп калды. Эртең мененки чайларын ичип бүтүп Асел үй жыйнаганга киришти. Гүлүя аны менен кошо жардам беримиш этип бир нерсе айта албай жатканын дароо түшүндү Асел, бирок сурабады: "Өзү айтсын. Бул соо эмес, келчү эмес эле" деп ойлоп койду. Ал күнү Гүлүядан сөз чыкпады. "Качан кетесиң?" деп Бактыкан сураса жооп бербеди, кабагы бүркөлүп санаалуу жүрдү. Кечинде жумуштан Канат келди, көнүмүш оокат-тиричилик менен алпурушуп жакында шаарга барып келмек болуп атышты.

- Гүлүяны үйгө калтырып барып келе калалы, - Асел Канатка шыбырай айтты.

- Мейли, ал канча күн жүрөт экен?

- Билбейм, айткан жок.

- Эртең сурап көр, эки-үч күн туруп тур деп сүйлөш.

- Макул, эртең ага айтайын.

Ошол бойдон бир чечимге келгендей экөө тең үндөбөй калышты: "Ээ кудай, бүгүн уйкум тынч болсо экен" деп Асел ары бурула жатып калды.

Эртеси Канат жумушка кетти. Асел сыртта кир жууп отурган. Гүлүя жанына келип бир топко үнсүз тиктеп турду да:

- Жеңе, мен сиз менен сүйлөшсөм деп ойлодум эле... - деп жер карады.

- Сүйлөшө бер, кулагым сенде, - Асел ага жылмая карады.

- Жеңе, менин башыма оор иш түштү, сиз сактап калыңыз...

- Кандай иш, менин колумдан келеби? - Асел жууп жаткан кирин токтото Гүлүяны суроолуу карап туруп калды, - Колумдан келээр иш болсо...

- Менин боюмда бар, жеңе. Кандай кылам? Канча жолу өлмөк да болдум, бирок жан таттуу экен...

- Капырай де, атасы ким?

- Жигитим бар эле, ал сүйөм деп жүрчү. Боюмда бар экенин айтсам кетип калып ошол бойдон жоголду...

- Жаман болуптур, канча ай болду?

- Беш ай болуп калды. Узиге түшсөм "кыз экен" дешти. Апам менен атам укса мени тирүүлөй өлтүрөт.

- Беш ай болгондой түрү жок го? - Асел таңгала анын ичине тиктеп койду.

- Таңып жүрөм, жеңе. Окуумду сырттан окуу бөлүмүнө которулдум да, биякка баса бердим.

- Апей, ичиңди таңып жүрсөң балага убал болот да. Жүрү, үйгө кир, чечип анан көрөйүн, - Асел шашкалактай аны колдон ала жетелеп төркү бөлмөсүнө кирди. Ал ушул кез эмне кылып жатканын да сезбеди: "Кудай ай, сураганга бербеген баланы куураганга бергениң кандай? Ушул да калыстыкпы? Тирүүлөй баланы ичтен өлтүрмөк болгон тура. Неге мынча теңсизсиң, жараткан?" деп кирип эле анын көйнөгүн өйдө кылып таңуусун чечти, - Кудай ай, баланы өлтүрө жаздагансың го? Унчукпай жүрө бер да, баланы мага төрөп бер, эч ким билбейт, - деди анын ичин таңган таңууну алып салып.

- Канат акем эмне дейт, уят ко?

- Мындай кылалы.. Мен айтканга көнөсүңбү?

- Эмне десеңиз да көнөм! - деди эле Гүлүя, Асел ойлонуп калды.

Анан шашыла бир жакка жөнөп кетти. Гүлүя ичин кайра таңып алып, эжесинин жанында балдарды карап калды. Асел баягы өзү чоңойгон үйгө келип эки жагын тазалап, ичин шыпырып даярданып: "Эч ким билбегендей болсун. Канатка ачык айтам да, аман-эсен төрөтүп алып сураганын берип баланы алып калам" деп ойлонуп үйүнө күүгүмдө келди. Канат эшикте жүргөн экен. Үйгө ээрчите кирди да, дасторконго отурушту. Кайда бардың деп не кайненеси, не Канат сураган жок, тек эч кимисинен үн чыкпады.

Түн. Асел Канатка шыбырап жатты, ал башын ийкей угуп жата берди. Көптөн кийин гана:

- Канат, мен Гүлүя менен ошол үйдө болоюн, төрөгүчө турабыз, балдарды өзүң карай тур. Апама экөөбүз урушуп кеттик деп айт, - деди башын анын төшүнө коюп. - Экөөбүз алыстан издебей эле өзү келген баланы алып калалы.

- Өзүң бил, Асел. Кийин тыңып алгандан кийин талашса жүрөгүң ооруп жүрбөсүн?

- Мен анын колунан тилкат алып алам: "Талашпайм, баламдан кечтим" дедирип. Анан өзүбүзгө жаздырып күбөлүк алабыз. Мен эне болом, Канат, мен эне болом!

- Кубанычыңа кошулам, жаным, жан дилим менен! - Канат аялын ойлуу кучагына кыса чачынан жыттап койду. - Кубанычыңа ортокмун.

- Жаным, экөөбүз уруша кеткен болобуз, макулбу?

- Макул, сен айткандай болсун, - деди да, Канат унчукпай калды.

Эртең менен туруп Гүлүя кетмек болуп Бактыкан менен коштошту. Ал айылдын четинде Аселди күтүп турду.

- Апа, негедир эле ичим бүлк-бүлк дейт да? - деп Асел билмексен боло кайненесинен сурап койду эле, ал:

- Кудай жалгап боюңа болуп калган го, балам. Доктурга көрүнүп койсоңчу, - деди үмүттүү, кубангандай.

- Коюңузчу, кырктан ашып кеттим, эми төрөмөк белем? - Асел ишенбегендей сурады. - Чын эле көрүнүп койоюнбу, апа?

- Кырк эмес, кудай берем десе алтымышында деле төрөй берет аял.

- Андай болсо кана?

Асел арсар ойдо калгандай кайненесинин жанынан туруп, сыртка чыкты. Анын атайын жасаган амалы эле. Анын мойнунда көп жүк бар, ошону эптеп ишке ашырууну ойлоп жатты. Апасы экөө жашаган үй айылдын айагында, анча-мынча жакын коңшулары жаңы үй салып көчүп кетишкен. Ала шалбырт маал болгондуктан үйдү жылытуу керек, свет да алыс. Ошон үчүн эч ким жашабагандай кылып чырак менен эптеп жашамак болду. Канат жумушунан жооп сурап келип ун-талканын жеткирип, бир койду союп азык кылып берди. Гүлүяны эшикке чыгарбай бакмак. Баарын бүтүрүп, Гүлүяны алып барып койду дагы, кечинде келди.

- Эмне болду, балам? Доктурга көрүндүңбү? - Бактыкан Асел кирээри менен сурады.

- Ооба, апа, чоңоюп калыптыр... - Асел тик карай албай жооп берди.

- Атаны айланайын ай-йаа, ырас болгон тура. Эми этиет бол, балам, төрөт оңой эмес. Анын үстүнө төрөп түшө элексиң, оорураак болуп жүрбөсүн?

- Кудай сактасын, апа. Жан адамга айтпай эле коюңуз, - деди Асел кайненесинен тартынгандай. - Төрөп алгандан кийин деле билишээр.

- Мейли садага, кимге айтмак элем. - Бактыкан унчукпай калды.

Асел менен Канат экөө үйгө киргенден кийин күңкүлдөшүп урушкандай болуп жатты: "Капырай, дегеле экөө минтип кер-мур айтышчу эмес эле, эмне болуп атат?" деп ойлоп эне жата кетти. Аңгыча Асел баштыгын көтөрүп үйдөн чыгып кетти. Бактыкан эчтемени туйган жок: "Качан келип Асел төшөк салып берет?" деп жатып уктап калды. Канат да кирбеди. Бир оокумда Канат келди да:

- Апа, Асел кетип калды, боюна болуп калыптыр, эч кимге көрүнбөй төрөйүн, төрөтүм токтоп калганда эл кеп кылса бирдеме болбосун, эл көзүнөн далдаа болоюн дейт. Урушуп кеттик, - деди кирип эле.

- Ал эмнеси, ботом? - Бактыкан адегенде чоочуп алды, бирок кайра: "Байкуш, эмне кылсын анан, баладан үмүт үзүп калбады беле. Ишенип-ишенбей ырым кылып аткан го. Мейличи, аман-эсен көз жарып алсын" деген ойго түштү.

- Азыр билине элек, үч-төрт ай болсо керек. Билингенде барасың десем болбойт, - Канат төшөк салып балдарын жаткырып, анан өзү жата кетти: "Апам билип койсочу? Аселди жаман көрүп калаар" деп ойлонду да, - Күндүзү келин балдарга карашып тур дедим, ичи билинип калганда көрүнбөй койсо болот да, туурабы?

- Өзү билсин, балам. Мен өлбөйм. Ырым кармаса кармасын, эти катып калган немени карап тур, күнбү-түнбү, толгоого айла жок.

- Ооба, жакындаганда карап турам. Жалгыз тамга эмне бар десем болбойт. Төшөнчү-орунун жеткирип бердим.

- Ырас кылыпсың. Ээн тамдан чоочуп калат. Бүгүндөн ары жанында бол, балам. Байкуш, баланын үнүн угууга зар болуп, үмүтү үзүлгөндө карасаң кудайымдын берешендигин.

Эне ишенди, башкача ойлободу. Тек ак пейилинен келининин төрөп алышын тилеп калды. Асел күндө эртең менен келип кирин жууп, тамак-ашын жасап берип кайра кетет: "Балам кыйналып калба, мен эптеп балдарга тээк болуп турам, өзүң эки айагыңды жыйып, колуңду бооруңа алып кызыл эт балапаныңды аман-эсен чыгарып алсаң болду" десе да болбой кечке балдарды карап, кирин жууп-тазалап жүрө берип, кеч кире кээде Асылбекти: "Караан болсун, апа" деп алып кетип ошол бойдодн төрт айдан беш айга караганча келбеди.

Гүлүя толгоосу келип үч сааттай толготуп туруп алды. Асел коркконунан доктурга алып барайын десе да Гүлүя болбой көгөрүп койду. Акыры Асел алдына калыңдап төшөк салып, анын үстүнө чоң шейшеп жаап туруп:

- Эми сен өзүңдү да, мени да айа, чечинип туруп жат биерге, - деди аны сүйөп төшөккө алып келип. Жетилип калган толгоосу ошол замат ичин бурап "Аа-аа, апа-аа!" деп кыйкырганда баркырап эркек баланын үнүндөй болуп үйдүн ичин жаңыртып жиберди. Гүлүя эс ала түштү, кара терге түшкөн жаны жай алып, буту-колу тарбалаңдап: "Ыңа-аа, ыңа-аа" деп ыйлап жаткан наристени бир карады да: "Жок-жок, менин анда акым жок! Карабайын, көзүмө үйүр алдырбайын, абийирим жабылса болду" деп мойнун буруп алды. Баланы арыдан-бери даярдап койгон ороого ороп алып, Асел Гүлүяга ысык тамак берди, жылуулап жаап, кан-сөлүн жууду. Ошол кеч Канат келип ороодогу наристени көрүп көзүнө жылуу учуратты: "Кимге окшош? Мен тааныган бирөөгө окшошуп турат да... Мейличи, кимге окшосо да Аселимдин мээнети кайтсынчы" деп отура калып наристенин жытын искей мурдунун учун чымчып бармагын өөп койду. Анан:

- Кыздуу болушуң менен Асылым, куттуктайм! - деп белинен кучактап өөп койду.

- Ырахмат, - Асел дагы аябай кубанып өзү төрөгөндөй бүткөн бою балкып эрип турду. Экөөнүн сөзүн үйдө жаткан Гүлүя угуп эле жатты: "Бир тууган бөлмө да уят болдум, эмне деп ойлоп жатат? Эптеп эле биерден кетип калайын" деп ойлоп жатты. Кызына эки-үч күн ууз сүтүн эмизип, анан Канат алып келген беш миң сомду алып бир жумадан кийин таң заарында чыгып кетти.

Канат барып апасына сүйүнчүлөдү.

- Болсун, балам, болсун! Асел өзү жакшы элеби? - деди эне жетине албай.

- Жакшы, апа. Кыз төрөдү.

- Кыз болсо да байкушум төрөп алганы жакшы болду. Силерге бирөө кыз эмес кызыл битин бекер бере койбос. Мынча берген кудай дагы берет, - деген Бактыкан аябай кубанып атты. - Эми качан келем дейт, Асылбек аны кыйнабас бекен?

- Биротоло кыркын чыгарып анан келем дейт ко?

- Мейли, колуна кап болсун байкушумдун. Көз жашын көлдөтүп жүргөндө кудайдын кулагына жеткен экен.

Ошол убакта коңшу аял кирип келди.

- Ийе Бактыкан, Асел көрүнбөй кетти да, кайда кеткен ал? - деп сураганча отуруп калды.

- Келет жакында... - Бактыкан айтсамбы же айтпай турсамбы дегендей Канатты карады эле ал айта бер дегендей чыгып кетти.

- "Асел кетип калыптыр" деп бири айтса, "таарынышып жүрүптүр" деп бири айтат, сенден угайынчы дегеле андай эмес чыгаар деп келе калгам.

Сыяда, бери жакын отурчу, - деди Бактыкан ага, ал жылып жанына келгенде акырын, - Аселим кыз төрөп алды, атайын жашырып ичи билине электе өзүнүн үйүнө жашынып жүргөн.

- Опе-ей ой, жакшы болгон тура. Атаны байкуш ай-йаа, деги кудай берем десе берип эле койот ай. Ырым кылган тура бечара, төрөбөй жүрсө чоочуган да, - тигил аял шыпшынып эле жатып калды. - Эк кудай, кудуретиңден айланайын жараткан, деги табышмагы укмуш ээ?

- Ошону айтсаң, "кетем, тияктан эч кимге көрүнбөйүн" десе Канат болбой, "аялдар төрөп эле жүрбөйбү" деп. Мен анан оюна кой дедим экөөнү тең тыйып. Көздөн далдаа болсоң бол, айланайын, деп кетиргемин. Төрөгөнү бир жума болду, кыркы чыккандан кийин барам дептир. Байкушум аябай ырымы кылды го, бала деген балээ тура. Бары да, жогу да балээ деп ырас айтылган экен.

Эки кемпир көпкө чейин чай ичип кобурашып отурду. Канат өз иши менен алек. Кызы менен аялын үйгө алып келгенде келген элге бере тургандарын дайындап жатты.

Асел болсо Гүлүя кеткенден кийин бала ыйласа упчу менен чай бере албай эптеп сүт бергенге далалат кылса тили менен бултактатып упчуну түртүп коюп бакыра берди. Айласы кетип кашык менен оозуна сүт куюп да ичире албады. Сүттү улам куйса чыгарып койот. Анан оюна бир нерсе түштү: "Эмизип көрсөм эмне болот?" деп баланы жаткыра коюп эзели баланын оозу тийбеген эмчегин жылуу сууга жууп келип: "Оо кудай, жок дегенде сооронуп турсунчу, эчтеке чыкпаса деле" деп баланы алдына алып эмчегин сала берди. Итиркейи кетип тартып алды, кайра салды эле, наристеге баары бир эмеспи, дароо кармай калып эки-үч соргондо эмчеги ооруп кетти, дагы тартып алды: "Койчу, баланы кыйнап үмүттөндүрбөй упчу менен эле сүт берейинчи" деп кызын карап отуруп калды. Көзүн жылтыратып, оозун ар жак, бери жакка чоймоңдотуп: "Мамагымды бер!" дегендей кайсаңдап аткан наристеге элжирей эмчегин салып ийгенин билбей калды: "Оо кудай, неге мени бирөөнүн баласына жалдыраттың? Эми курсагына эчтеме барбай өзөрүп калса канттим?" деп ойлонуп отуруп наристе эмчегин балкылдата соруп жатканын байкабай калды. Телмирип ойго түшүп кеткен Асел эңкейип караса алда качан эле кызы бөйтөйүп уктап калыптыр, ууртунан сүт агып турат. Ага көңүл да бурган жок: "Эми эмне кылам? Ачкасынан ыйлай берип чарчаганда уктады окшойт, байкушум" деп жаздыкка жаткыра койду да, уктап калган Асылдын үстүн жаап койду. Ал ойноп отуруп уктап калган эле. Ордунан туруп жалаяк жууп коюп эки баланын жанына жата кетти. Көзү илинип баратты эле: "Асел, мына бул алманы алып алчы" деп сунуп жаткан апасын көрүп делдейе туруп калды: "Ме, ала гой. Ушуну атайын сага деп көптөн бери сактап жүрдүм эле" деп алманы берип көздөн кайым болду. Ойгонуп кетсе ымыркайы чукуранып жатыптыр. Колу менен таптап атып: "Байкуш апам, тиги дүйнөдө дагы менден санаасы тынбай жүрсө керек" деп ойлонуп көпкө жатты. Ымыркай дагы чырылдап ыйлап кирди, ороосун которуп кайра сүт жылытып берсе такыр кайсаңдап ичпей койду: "Эми кантип багам? Кайненем билип калса эмне дейт? Ыйлаак болот окшойт" деп айласы кетип дагы эмчегин салды. Негедир бүткөн бою дирилдеп баратты, наристе болсо чопулдатып соруп кирди. Бир жак эмчеги дирилдеп кеткенинен колун салса сууланып калыптыр: "Кой, жөн эле сууну эме берип ооруп калбасын" деген ойдо эмчегин сууруп алмак болду эле наристе оозунан чыгарбайт, күч менен тартып алса баланын оозунан аппак сүт булая түштү, эмчегинин учунан дагы сүт агарып туруптур: "Оо жараткан, өңүмбү же түшүмбү? Ушунча жашка келип бала соруп көрбөгөн эмчегимден сүт чыктыбы?" деп көзүнүн жашы куюла кайра баланын оозун эмчегине алып барса чап жармашып балкылдата соруп кирди. Дени өлүп, көз жашына ээ боло албай күлүмсүрөп эмизип, алтымыш тамыры жибип отурганда Канат кирип келип чоочуп кетти:

- Асел, сага эмне болду?

- Канат, Канат дейм... карасаң! - Асел сүйлөй албай көзүнүн жашы талаа-талаа болуп, эмчегин балкылдата ээмп жаткан наристени көрсөтүп жатты.

Канат эмне болуп кеткенине түшүнө бербей: "Байкушум ай, кызына сүйүнүп эне болдум деп жинди болуп кетпегей эле" деп өзү көргөн көзүнө ишенбей туруп калды. Анткени наристе эмип жаткан эмчегин караса баланын эки жамажайынан сүт куюлуп жатыптыр.

- Асел, сен эмне, эмизип атасыңбы? - деп ийди эле Асел сүйлөгөнгө кудурети жетпей башын ийкеп жатты.

Көзүнүн жашы жамгыр жуугандай кубанычтан өзүн билбей калгандай... Канат үнсүз бир топко карап тура берди. Наристе бир кезде тойду окшойт, эмчек оозунан чыга бышылдап уйкуга кетти. Аны Аселдин алдынан илип ордуна жаткырып Аселди өйдө кылды. Эми гана эсине келген Асел:

- Канат, мен бактылуумун! Сенин мага деген таза сүйүүң менен наристе үнү мени эне деген атка жеткирди. Мен энемин, уктуңбу, мен эне... болдум! - деп Канатты кучактап солкулдап ыйлап жатты.

- Асылым десе, өзүң ошого татыктуусуң, асыл жансың, - Канат аны кучактап алып өзү да көзүнөн жаш агып кеткенин сезбей калды.

- Бактым менин, ырысым ушулар, ак жолтойлорум. Өзүмдү жоготуп койо жаздадым, Канат. Эмчегимден сүт чыгат деп түк ойлобогонмун да, - Асел көзүнүн жашын аарчый күйөөсүнө жалжылдай карады, - Мынча келбесең кубанычтан жинди болуп кетет белем, кудай сактады, - деп күлүп да, сүйлөп да жатты.

- Ар нерсеге адам токтоолук менен чыдаш керек да, Асел. Баары болот турмушта, сен балага ошончолук берилип жаткандыктан сүт агып кеткен тура.

- Ошону айтсаң, сүттү такыр ичпей ыйлай бербедиби. Анан бир салып көрөйүн деп эмчегимди салсам жармашып калбадыбы...

- Ырас болду. Эми качан кетебиз? Кыркын үйгө барып деле чыгарсак болбойбу?

- Жо-ок, суу аттатып, кыркы чыга элек баланы көтөргөндө болбойт. Эми эки жума тур, жыйырма бир күндө чыгарам да, кызым, уулум болуп үйгө барабыз, - деп жылмая карады Асел күйөөсүн.

- Мейли эмесе, апам да аябай кубанып атат: "Кыз жакшы, энеге күйүмдүү болот" деп.

- Канат, акемдерге, карындашың менен эжелерге сүйүнчү жибер. Мен чындап төрөдүм, мен эми эмизип багам, кызымды кудай аман койсо окуганча эмизем! - Асел өзүнчө эле бактылуу болуп кубанычы койнуна батпай атты.

Асел кечкиге бешбармак жасады. Анан апасына куран окуп, тамактанышты. Асылбек жоош, ыйлабайт деле, өзү менен өзү болуп ойноп отура берет. Зарылбек "Апам качан келет?" деп ыйлаган экен, Канат алып келип кетти. Анан "кетпейм!" деп ыйлады эле, Асел аны зорго сооротуп кетирди. Канат өзүнчө толкунданып инисин үйгө чакырды. Ал аялы экөө келип карыган энесин, Зарылбекти карап калышты. Канат куйруктуу кой даярдап, келээри менен жээнтек бергенге камынып жатты. Асел болсо кызын эмизип отуруп не деген гана ойлорго берилбеди: "Секетиң кетейин, секелегим, акжолтоюм, эми мен төрөйм, чыныгы эне болом. Апамдын берген алмасы бала болуш керек. Ушуну сага деп катып жүргөм дебедиби. Демек мен эне болом. Эмчегимден сүт чыкканы жакшылыктын белгиси" деп жетине албай жатты. Жыйырма бир күн болгондо нан жасап, ата-арбакка Канат экөө отуруп куран окутту да, кырк бир кашык сууга наристени жуунтуп, чач, тырмагын алып туруп, анан эртеси үйүнө келди. Аны бир топ болуп тосуп алышты. Бактыкан чыныга суу алып чыгып:

- Алдыңа кетейин балам, жамандыктын баары ушуну менен кетип, мындан ары жалаң жакшылыкта жүр. Кызың акжолтой болуп, артынан уурутуп-чуурутуп ээрчитип жөжөлөрдү алып келе берсин. Канат экөөңдүн үйүңдөрдө балдардын күлкүсү гана угулуп турсун! - деп сууну башынан айлантып чачып, киргизбей туруп наристенин оозуна сары май салып ырымдап, анан үйгө киргизди.

- Бешик бооңор бек болсун!

- Кызыңар акжолтой болсун! - дешип чурулдап кошо киришти тосуп алгандар.

Аселдин жүзү албыра, ого бетер жаңы төрөгөндөй кубарып, башкача болуп турду. Ал ушул бүгүн бакытка тунуп дүйнөдө андан бөлөк бактылуу жан жоктой кубанычтан жүрөгү лакылдап атты.

- Жаш төрөдүң, отуруп эс ал. Эртең элди чакырып жээнтек беребиз, - деди чоң абысыны аны айап, - Жакшы тыңыбасаң болбойт, - деп төшөк салып берди.

- Ырас болбодубу, айланайын, кудайым берээрин унутпаса эртедир-кечтир ушинтип берип койот, - дешип тамшанып да отурушту келгендер.

Ан сайын Асел кызын элдин көзүнөн далдаа кармап, көргөзгүсү келбей улам бетин жаап койот. Ар кимиси бетин ачып: "Ии-ий айланайын, апасынын эле өзү го" дешип мурдунан чымчып бармактарын өөп коюп жатышты...

Мына ушинтип "төрөбөйт" деген Асел төрөгөндөн бери эл аны ар кандай сөз кылып жатышты: "Ботом, Аселдин төрөгөнүнө ишенбей кетем, же доктурга көрүнбөсө, өзү эле бекинип жатып кантип төрөп алсын? Аялдын төрөтү бир ажалы деп айтат эмеспи, кандай эле эч ким көрбөй төрөп калат?" деп бири айтса, бири аны тыйат: "Койсоңчу, угуп калса жаман көрөт. Өзү төрөбөй жүрсө бекинип төрөйт да байкуш. Ырымдын да жакшы жагы бар. Челкейип басып жүрсө "Иий, тиги Аселдин боюнча бар тура" дешип сөз кылат. Анан ошондон корккон окшойт да". Антсе дагы бири: "Койчу ай, кудай анча бергенден кийин жашырынбай эле төрөйт эле, мунун бир сыры бар" десе, башкасы: "Болсо болоор, ага эмнеңер кетип атат? Жөн тургулачы" деп тыйат. "Жөн турбаганда эмне, бийлеп аттык беле? Койбой-этпей эле бул бирөөдөн багып алды го?" "Ой, багып алса эмчек эмизет беле? Байкуш, жөн эле эзилип эмизип отурбадыбы жана". "Апе-еей ой, чын эле эмизип атабы?" "Чын, өз көзүм менен көрдүм, акыры көрөсүң го сен деле" дешип ар кимиси ар кайсыны айтып ишенип-ишенбей жээнтек тойдон ооз тийип чыгып атышты.

Эки колун бооруна алып алган Аселдин бактысында чек жок. Бактыкан уул-кыздары кете электе:

- Молдону чакырып, азан айттырып атын койгула, - деди.

- Ырас эле... - Канат ошондо эстеди, Асел экөө таптакыр эле кызына ат коюуну унутуп калышканын, - Асел экөөбүз ат койгонду ойлобой кыздуу болгонубузга кубанып отура берген турбайбызбы! - деп күлүп калды.

Аңгыча бир бала барып молдону ээрчитип келди. Баланы молдо эшикке алып чыгып азан айтты да:

- Канаттын кыз Кадича болсун, аты Кадича болсун! - деп кулагын ача үч жолу үн салды, - Оомийин, Канат кызы Кадича өмүрү узун, Кадичадай акылман, эрктүү кыз болсун! - деп бата берди.

- Айтканыңар келсин! - Асел менен Канат молдого ыраазылыгын билдирип коноктоп, колуна акча карматып, көйнөк-чапан кийгизип атказышты.

- Кызымдын аты Кадича болду. Ананайын кызым, күчүгүм менин, кичинекейим менин, - Асел жетине албай ымыркайды эркелетип жатты.

Күндөн күнгө Кадича чоңоюп көзгө көрүнгөн сайын Аселге окшошуп баратты. Канат менен Асел ичтеринен купуя ойлонуп коюшат: "Тоб-оо, баккан бала окшош болгону кызык, тим эле өзүм төрөгөндөй, эмчегимен да сүт чыкты, кудай буйруса акжолтой болот" деп жакшы тилектерине кубана беришти. Канат Аселдин бактылуу боло кызым эмизип, жаны тынбай жалаягын жууп-тазалап, эки күндүн биринде киринтип, үч баланын түйшүгүн ноюбай көтөрүп атканына ичи жылып ого бетер сүйүп, ого бетер жакшы көрүп келет. Көрүнгөн тоонун ыраагы жок дегендей, Зарылбек биринчи класска барып, Асылбек болсо бешке чыгып, Кадича билинбей эле үчкө чыгып тили ширин, чоң энеси Бактыкандын жанынан чыкпайт. Асел кош бойлуу, төрөөрүнө аз калды. Канат аны сак-сактап: "Кудай сактай көр, биринчи төрөтү кандай болоор экен?" деп ичинен коркуп жүрөт. Бактыкан болсо: "Бирди берген кудай дагыңкысын, кызды берген кудай уулун да берет деген ушул. Эми экинчисин оңой эле төрөйт" деп кооптонбой калды.

Бир күнү Бактыкандын сиңдиси келип калды. Эже-сиңди кучакташып көрүшкөндөн кийин:

Ботом, каттабай кеттиңер. Мен болсо карып калдым, көзүмдү көрбөй каласыңар го? - деп Бактыкан эмшиңдеп ыйлап кирди.

- Эже, эми каттаганда эмне кылайын, жол алыс, балдар биринен сала бири чоңоюп калды. Келе албайт экенсиң. Бүгүн дагы убакыт таап учурашып келе калайын деп чыкканыма эки күн болду. Муратбек болсо оорукчан болуп калды.

- Кантейин анан, карыган сайын көзүмдөн учуп калдыңар. "Кирип келээр бекен" деп күтө берем. Баягы Жайдаркан каттап атабы?

- Жарыктык ай, эми кантели анан. Мен деле улгайдым, арабыз дагы жакын эмес, - деп Алтынкан кейий сүйлөдү. Аларды коноктомок болуп Канат кой союп сыртта жүрдү. - Жайдаркан төрөп түшпөй калып бала багып алган, жүрөт.

- Эки-үч жыл мурун Гүлүя келип кетти эле, - Бактыкан сиңдисин карады.

- Качан?

- Үч жылдай болду, бир жумадай жүрүп кеткен. Окуп атам деди эле, окуусун бүттүбү? - дегенде аселдин жүрөгү болк эте Алтынканды карады.

- Ошо курусун, "жигитим бар сүйлөшүп жүргөн" деп жүрүп тиги Атбашыга тийип кеткен.

- Жакшы болуптур, кыздын тынып калганы жакшы да.

- Тынып-тынчып эле калды. Жакында уул төрөп алды. Аны биз жакын жерге берели десек болбой кетип калбадыбы.

- Мейли, кыз насиби түшкөн жерге барат, өзү менен өзү болсо эле болду да. Жакшы жер бекен?

- Жакшы эле жер, бала жалгыз бала экен, окуусун таштатып айылда жашап жатат.

- Окуганда эмне, аял киши төрөп түшүп, орун-очок алып калса бактысы ошол эмеспи, - деп сүйлөшүп отурушту.

Асел өзүнчө кыжаалат болуп: "Тынып-тынчып калса кызын талашса эмне болот? Деги кызымды менден ажырата көрбө, кудай!" деп ойлоно берди. Канат кош кат аялын айап:

- Асел, үйдө эле отура берчи, кыйналып каласың. Мына бүтүп калдык, - деп үйгө киргизип жиберди. Сыртта койдун ичегисин арткан коңшу келин жүргөн. Ошого ишенип Асел да кирип отуруп калды.

- Балам, көп кыймылдабай эле койчу, кыйналасың. Эптеп көз жарып алсаң, анан жыргап эле каласың, - Бактыкан дагы аны айап атты.

Көп өтпөй Канат этти бышырып колго суу куйду. Асел болсо кыбырап иш кылып жүрө берди. Балдары кирип-чыгып ойноп жүрөт. Кадича чоң энесинин жанында:

- Чоң эне, мен эт жеймби? - деди ал чоң энесинин тизесине отуруп алып.

- Эт жебей анан, биринчи сага берем да, ырысым.

- А сен жебейсиңби? Тишиң жок да, ээ?

- Ийи, тишим жок. Сен чайнап бересиң да, ээ?

- Ооба да, мен чоң энеме эт чайнап берем, - деп жүгүрүп чыгып кетти.

- Ай Какен, кир үйгө, эшик суук, үшүп каласың, - Асел аны үйгө чакырды. Ал кирип кайра чоң энесинин жанына отуруп калганда Алтынкан:

- Капырай, тим эле Аселдин өзү го, ушунчалык окшош болгон баланы тегеле көрбөптүрмүн, - деп эжесине шыбырай койду.

- Кой кокуй, зорго таап алган немесин айтпай эле кой, - деп эне ага ымдай, нукуп койду, - Муну төрөйм деп элге көрүнбөй жарым жыл энесинин үйүнө жашырынып жүрбөдүбү.

- Эмнеге, ботом? - Алтынкан таңкала сурап калды.

- Ботом, төрөбөй жүрүп төрөсө ырымдады да, айактан өзү кыркын чыгарып анан келген.

- Балаке-ет, ошондой ырымчылбы келиниң?

- Ошентет да, өзүң деле ойлосоң, төрөгөндөн үмүт үзүп койгон неменин боюнча бүтүп атса, элдин көзү жаман эмеспи.

- Ыя эже, бу Аселди көргөндө эле таң калып жатам. Атбашыдагы менин кудагыйыма тим эле куюп койгондой окшош экен.

- Кишиге киши окшошо берет да, жөн отур эми, - Бактыкан аны тыйып койбогондо дагы канча сөздү айтат эле ким билет. Бирок дасторкон жыйылып, табак тартылып калды. Улуулата устукан тартып, таежесин сыйлап отурган Канат:

- Таеже, же өзүңөр каттабайсыңар, же бизди чакырбайсыңар. Келин алып, кыз берип эле жатасыңар, апамды деле бизди кошуп чакырсаңар барып турат элек ко? - деп калды.

- Айланайын, менде эмне кеп? Ырас, келин алып, кыз бердик. Ошол убакта чама-чаркыбыз жетпей калып атпайбы...

- Колубуздан келишинче жардам берет элек, кыскасы апамдын барында катташпасак, кийин бири бирибизди тааныбай деле калабыз го дейм? Жездемдин дени таза, күүлүү эле жүрөбү?

- Жакшы эле, эки жылдан бери инсульт деген оору жабышып үйгө кирип-чыгып зорго жүрөт эптеп.

- Мына таеже, апам дагы, сиздер дагы картайып баратасыздар, бөлөлөрүмдү тааныбайм. Чогуу бир чакырайын, катышып алалы.

- Мейли, садага кетейин, чакыр. Болбосо үйгө барганда мен өзүм да кеңешип-таңашып анан чакырып калаарбыз. Жакында биз кичүү келиндин алдына барганы жатабыз, эжемди алып кетейин деп ошон үчүн келгем.

- Анда жакшы болот, апам барса анан Асел экөөбүз артынан барып калалы, - Канат күлүп калды.

- Ошент, садага. Эркек бир туугандыкы болсо башка экен, кыз бир туугандыкы бөлө болуп алыстап кетет тура, Алтынкан шыпшына отуруп калды.

Эки күн эже-сиңди черлери жазыла сүйлөшүп, сагынычтары жазылып, анан жөнөп кетти. Аны узатып жатып Асел толготуп калды. Ал доктурга барбайм деп тырышты. Бирок толгоосу катуу болгондуктан Канат аны төрөтканага алып барды.

- Канчанчы төрөтүңүз? - деди аны акушерка көрүп жатып.

- Биринчи... - деп чындыгын айтты ал Канатка карай берип.

- Ооба-ооба, биринчи төрөтү, жакшылап карап коюңуз, - Канат дагы бул жерде калп айтууга болбосун сезип.

Бул сөздү санитарка болуп иштеген аял угуп калды. Бирок ал буларды таанычу эмес. Канат менен Асел ал жөнүндө ойлогон деле жок. Кыйналып жатып кеч кирип калганда гана төрөдү, алы жок, зорго жатып жанаша жаткан уулуна көз кырын сала алсыз жылмайып алды.

- Кагылайыным десе, ушунуңа шүгүр, кудайым. Кагылып кетейиним десе, Кадичам акжолтой болду, - деп күбүрөп жатып көз кычыктарынан жаздыкка мөлт этип жаш куюлуп кетти, бул кубанычтын жашы эле...

Бактыкан төрөтканага келалбаса да эптеп балдарын карап жатты. Коңшусун чакырып уюн саадырып, анча-мынча жумушуна колкабыш кылып жүрдү. Аселди чыгарып келээр күнү дагы чогулуп абысындары келип боорсок жасап коюп чыгарып келишти. Балдары кичинекей наристени тегеректеп чурулдап атты:

- Менин иним болот, ээ?

- Ики, менин бөбөгүм болот.

- Меники дагы, биздин баарыбыздын бөбөгүбүз, - улуулук кыла эс кирип калган Зарылбек аларды тыйды.

Аларды жылмайа бактылуу карап турган Асел:

- Садагаларым десе, үчөөңдүн тең бөбөгүңөр, силер чоңойтуп, карап ойнотосуңар да.

- Мен, мен жетелеп ойнотом! - Асылбек апасына жармашты.

- Мен чоңмун, мен ойнотом, - Зарылбек дагы корсоңдоду, - Силер кичинесиңер, мен багышам.

- Менчи? Мен силер окууга кетсеңер жетелейм, ойнотом ээ, апа? - Кадича дагы өз оюн бербей такылдады.

Кадича үчкө жаңы эле толсо да тили такылдап өтө тыкан, анан калса Аселдин өзү болуп баратты. Аселдин жашы өткөндө төрөгөнүнө баары таң калып, шыпшынып, боору ооруп: "Байкуштун зары кудайга жеткен экен, "шашылба, берем" деген экен да, болбосо Аселди эми төрөйт деп ким ойлоптур?" дешип атты.

Асел бактылуу болуп балдары менен өзүнчө эле жыргап калды. Алардын чырылдаганы, ыйлаганы ал үчүн зор бакыт болчу. Ушул үндү ал эчен жылдар бою жүрөгү сыздап, көз жашын төгүп күтүп жүрбөдү беле. Кайнага, кайнилери, абысындары той кылып ийишти. Канат атайы арнап багып жүргөн коюн союп коңшуларын чакырды. Асел бул жолу уулун кызганган жок, негедир ыйлап жатса өзүнчө ырахаттана эмчегин салып балкылдата ээмп жаткан уулун көзү тойбой карап отура берет: "Ушул эмчегимди ийитип, алтымыш тамырымды эриткен Кадичам менин! Балким аны бакпасам дале төрөбөй калмактырмын, кагылайын акжолтоюм" деп басса-турса ойлонуп кетет. Көңүлү тынып, уулунун атын Калыбек коюшту, анткени анын кулагынын артында бармак басымдай калы бар экен. Абдан жоош болду. Күн өткөн сайын уулу кыбырап эки жакты карап, жарыктан көзү уялып, караанды ээрчиген сайын Канат ага жакындап колунан түшүрбөйт: "Жүрөк сүйгөн адамымдан балалуу болдум, кудай кулум десе берээрин унутпасын деген чын экен, Аселимдин көз жашы кургап, жүрөк оорусу айыкты. Эми ал бактылуу, ушул бактыбыз кут болсо экен" деп ойлонот уулун көтөрүп жүрүп. Сергил кемпир бир күнү:

- Бешик бооңор бек болсун, айланайын, - деп кирип келатып Аселди бетинен өөп койду, - Ырас болгон тура.

- Ырахмат, апа, - Асел ага чын дили менен ыраазы боло төргө өткөздү.

- Эми төрт бала менен кыйналып каласың, Закен менен Асылды алып кетейин, - деп Бактыканды карады.

- Кудагый, балдарды атасынан ала качканыңар болбойт да, ушул балдар деп булардын көңүлүн оорутканың болбос. Төрт балабы, бирөөбү - баары бир бала. Ата-эне он бала болсо да оорлобойт.

- Мен Аселди кыйналып калабы деп жатпайынбы. Кир-когу, тамагы болот, жаш бала менен жетише албайбы деген ой да. Биротоло эмес, бираз күн барып келсин жок дегенде.

- Окуудан калып калат да, апа, мен балдардан кыйналбайм деле, ар биринин өз ырыскысы бар да! Асел кабак бүркөбөй жайдары кирип келип дасторкон жайды.

- Ботом, экини төрөдүңбү? - Сергил бирдеме дечүдөй Аселди кытмыр карап күлүп койду, - Төрөтканада доктур сураса биринчиси деген турбайсыңбы!

- Аа-аа, - Асел сөз табалбай такала түштү, - Ким айтты?

- Ой аерде менин келиним иштейт, ошол айтты. Сен төрөгөн күнү анын исмени экен.

- Апа, мен мурун доктурга көрүнбөй, эч кимге билгизбей төрөгөм да. Айткандан корктум, мында дагы төрөөрдө эле барбадымбы.

- Ии-йи, ошо тиги келиним айтып келди. "Мурда төрөдү деп жүрбөдүңүз беле, биринчи төрөтүм деди го" деп...

- Айтса айткандыр, кудагый, анын эмнесин айтып отурасың? Жакшынакай кылып өзү эмизип, кайра боюнча болгондо эле чыгарбадыбы? Деги бирөөнүн кемчилигин эле издеп турган адатыңар бар экен да? - Бактыкан аны жактыра бербей кагып салды. - Төрөтү кечигип калса төрөбөйт деп кеп кылып оозуңарды толтуруп ушак кыласыңар, төрөсө аны да көралбайсыңар.

- Капырай, айтканын айттым да, - Сергил купшуңдай отуруп калды.

- Ошо дагы сөзбү? Жаны кыйналып турса мурда тартынып догдурга барбай жүрсө, анан чоочулап ошенткендир да?

- Койдум, кудагый, койдум деги. Мен тигил эки баланын бирин алып кетейин деп эле келгем.

- Балдарды бөлбөй, бир эле жерде чоңойсун. Антип эле чууттана бербе. Балдардын атасы-энеси бар. Асел ал экөөнү өз баласынан ашык көрбөсө кем көрбөйт!

- Баламдын баласынын бирин бергиле. Канатка эмне, баары бир экен, Салиманы ойлоп да койбос. Мына минтип туубас деген катыны тууп берип, асмандан тилегени жерден табылып оңуп калды да. Кызымды ойлогондо жүрөгүм сыздап.. - Сергил эмшиңдей ыйлап калды.

- Кудагый, эми жаш эмессиң. Салиманын өлгөнүнө сегиз-тогуз жыл болду, тиги дүйнөсүн берсин. Жоош, момун жан эле, анын арбагын сыйлап балдарын тынч эле койсоң боло. Ошентсең эле бере койот дейсиңби? Эркек бала атасында болгону оң эмеспи, сенде болгон күндө дагы "жээни" дешет.

- Жээн десе дейт да, кызымдын балдарынын томсоруп турганын көргүм келбейт.

Ошол убакта эки уулун ээрчитип Канат кирип келди:

- Эмне болуп атасыңар? Ким томсоруп калыптыр? - Жини келе эки кудагыйды карады.

- Закен менен Асылды "томсоруп калды" дейт, ботом. Аларды ким томсортуп жатканын түшүнбөдүм.

- Бул балдарда эч кимдин акысы да жок, менин балдарымдын томсоргону менен эч кимдин иши да болбосун!

- Апей ботом, ушуларды көрөм деп келем, сагынып келем, болбосо эмнеге келем биерге?

- Болуптур, ошончо эле күйүп-бышып сагынып атсаңар энеси өлгөндөн бери "жол карап калдыбы?" деп экөөнө эки момпосуйду сала келдиңерби?! Буларды алып барып алып малыңарды бактырып жумшагыңар келип жаткан чыгаар? - Канат ачуулана кайненесин карады. - Экинчи ушулар он сегизге толгуча келгениңерди көрбөйүн. Андан кийин силерге каттап турабы, каалабайбы, өздөрү билет! - деп эшикке чыгып кетти.

Асел мунун баарын угуп коңшу бөлмөдө баласы менен алек: "Ээ кудай, ушул балам менен кызымдан айтсын. "Алып кетем" десе да жүрөгүм оорубайт. Өзүм төрөгөн балдарым турат. Эгер булар болбосо алар үчүн далбастап көз жашып эчен жолу төгүлмөк эле го?" деп ойлонуп атты.

Сергил мурдун чүйрүй ордунан силкине туруп чыгып кетти, коштошкон да жок. Анын жашоосу деле ойдогудай болчу, күйөөсү өтө жоош, момун адам. Каалаган жагына басып көнгөн Сергил башы оогондо келип эле "балдарды алып кетем" дей берет. Улуу балдары аны тыйып: "Энеси өлсө атасы бар, биздин ал балдарды талашууга акыбыз жок, эгерде Канаттын бага турган шарты болбосо алсак болмок. Ал бизге бербейт, тынч жүр" деп урушканына карабай бекер ооздонуп келе берчү. Эми Канаттан кагуу жеп ызаланып үйүнө келди. Күйөөсүнө асылып, жулкунуп кирип, казан-айагын калдыратып атып көптөн кийин өзүнө келип жели чыга отуруп калды.

Канат сыртта малын жайлап жүрүп кыжырлана берди: "Акмак, кызы өлгөнү бир келип, куран окуткан жок, күйбөс катын кошокчу болуп балдарга курооз күйүп кеткенин кара! Неберелерине көтөрө келген эчтекеси жок, анан аларды алып кетерчегин!" деп өзүнчө жинденип атты. Анын ачуусу келип турганын байкаган Асел балдарынын сабакка кийчү кийимин чечип которуп анан алардын кардын тойгузду. Кадича болсо Канаттын жанына барып кужулдап ар кайсыны сүйлөп эриктирбей, көңүлү кирдеп турган атасынын ичин элжиретип жиберди.

- Ата, сен эмне кылып атасың?

- Малды карап, чөп салып атам, кызым.

- А-аа, алар үшүйбү?

- Жо-ок, үшүбөйт, жүндөрү бар да.

- Ии-ий да, биздин деле жүнүбүз болсо үшүбөйт элек, аа ата?

- Садага кетейиним десе, адамдарда жүн болбойт. Биз кийим кийебиз. Жүрү үйгө, үшүп кеттик, - Канат кызын көтөрүп алып үйгө кирип мештин жанына отуруп Кадичанын колун отко жылытып атты.

- Ата, сенин колуң деле үшүдүбү?

- Үшүбөй анан, кызым, аябай үшүдүм, - Канат кызын чоп эттире өөп койду.

- Апамчы, анын колу үшүйбү?

- Анын да колу үшүйт, эки акең да окуудан келгиче үшүйт, ошон үчүн колкап кийип жүрбөйбү.

- Мен окусам апам мага дагы колкап алып берет.

- Ооба, кызым, такыр үшүтпөй турган кийим алып берем ээ сага?

- Кызыңа, эмне, заказ берип башкача тиктиресиңби? - Асел аларды карап жылмайып койду.

- Кызыма заказ менен тиктирип берем, - Канат да кызын кучактап өөп-өөп эркелетип калды.

Бири кем дүйнөдө жандүйнөң эзилип, жүрөгүң ооруп турса ааламдын кеңдиги кызыктырбайт. Бакыттын маңдайыңда жанып турганында тар, кунарсыз жашооң да көзүңө кызык көрүнүп өмүрдүн кыскалыгы унутта калып, кең дүйнөнүн жыргалы жалаң гана өзүңө берилгендей ырахаттын көлүндө калкып-учуп асмандагы жылдыздардын катарында жымыңдап жанып тургандай сезесиң өзүңдү, көрпендечиликтин бир касиети ушунда эмеспи. Канат менен Асел азыр ченде жок бактылуу эле. Аселдин бакытка балкыган көздөрү жалжылдап, ого бетер өңүнө чыгып, санаадан арылып калганда анын алдында дагы бир кубаныч күтүп турган.

Ошол эле айылдык Асел тааныган Жүдөмүш дегендин кызы Саадат кыз кезинде төрөп коюп ушул Аземдин эшигине таштап коюп түндөп шаарга кетип, ошондон ары күйөөгө тийип кеткен эле. Асел чоңойгондо Жүдөмүштү көрүп калды. Ал кемпири экөө аселди көргөндө негедир аны аябай көпкө карап калчу. Аны Асел билчү, бирок Жүдөмүш кызына окшоштурган менен ичи-жигин билбегенден кийин унчуга алчу эмес. Жүдөмүш аялы экөө тең өтүп кеткен. Балдары үйлөнүп-жайланып калган. Саадат коңшусунун баласы Айтбек менен сүйлөшүп жүрүп, ал аскерге кетип калат. Кат келип жүрүп, кийин келбей калганда кайра-кайра кат жазса дагы жооп келбейт. Бирок Айтбек стройбатка туш келип иштеп жүрүп кабат үйдөн учуп кетип госпиталда жаткан экен. Кийин айыгып, бир бутунан сылтып келет да. Саадатты таппай калат.

- Силер аны киргизип албайт белеңер? Мына каттары, уятынан кетип калган тура, төрөсө да аны бирөөгө же жетимканага таштап койду да? - Айтбек келип эле ата-энесине нааразы болду.

- Капырай, биз укпасак кайдан билдик? Өзүң ошол госпиталдан кабарлашып койбойт белең? - Апасы кейий сүйлөдү.

- Мен кат жазмак турсун, бутумду кесебиз дегенде өлмөк болдум. Дагы жакшы, эптеп бутум кесилбей сылтысам да алты саным аман келдим.

- Кагылайын, аны билбей калдык. Эстүү кыз сүзө качырып бизге айталган эмес тура. Башың аман болсо үйлөнүп-жайланып эмеле балалуу болосуң, - Апасы аны тынчыта сүйлөдү, - Өзүңдүн аман келип калганың биз үчүн канчалык кымбат.

- Апа, мен Саадатты сүйчүмүн да!

- Эми насип болбосо кантебиз, балам? Төрөдүбү, же түшүрүп койдубу, ким билет? Жакшынакай эле жүргөн... анан эле "күйөөгө тийди" деп барып келишти.

- Каякка тийиптир?

- Атбашыга. Абдан жакшы жерге барыптыр, калыңды аябай берди го...

- Калыңын урганым барбы! Канча болду кеткенине? - Айтбек кыжына сурады.

- Бир жыл болоюн деп калды, балам. Эмне кыласың аны? - Эне уулун чоочулай карады.

- Эчтеке... - деп Айтбек эшикке чыгып кетти.

Бирок Саадат бир балалуу болгондо келип Айтбек экөө жолугуп калды. Айтбек аны атайы чакыртып алган:

- Кандай, Саадат, денсоолугуң жакшыбы?

- Жакшысын сурайсыңбы же жаманын сурайсыңбы? - Саадат ага ызалуу карады. - Менин кандай экенимдин сен үчүн мааниси деле жок чыгар дейм?

- Андай дебе, Саадат. Мен госпиталда жатканмын, сенин каттарыңды мага беришпептир, кийин чогултуп алдым. Ошондо гана билдим.

- Кетүүгө аргасыз болдум. Ата-энемдин төрүндө төрөгөнүм аларды тирүүлөй өлтүрбөйбү?

- Аның ырас, бирок сен аны төрөдүңбү?

- Ооба, ичимди таңып жүрүп, жан адамга билгизбей ээн талаага төрөдүм. Кыз экен... - Саадат ойлуу ошол күндү көз алдына келтирип мелтиреп отура берди.

- Анан аны кайда таштадың?

- Эч жакка, мен өзүмө келалбай жалгыз кыйналып атканда кыз жок болуп калды, анан эптеп аны бир жерге көмүп кете бердим, - Саадат кызын Аземдин эшигине таштаганын айтпады. Ал өзүнүн мугалими болчу. Айткандан тартынды.

- Жаман болгон тура, - Айтбек жер карап отуруп калды.

- Ээн талаада мен өзүм да өлүп кала жаздадым го ошондо.

- Кечирип кой. Саадат. Азыр бактылуусуңбу?

- Бакытты баламдан гана издебесем, күйөө деген аялды бактылуу кыла албайт экен го?

- Эмнеге? Өзүң аны сүйбөсөң керек. Айтчы, күйөөңдү сүйбөйсүңбү?

- Сүйүү дегенге ишеничим өлгөн. Мен азыр жөн гана жашап келем...

- Саадат, ажырашып келбейсиңби, өзүбүз үйлөнүп алабыз. Сен дагы эле мени сүйөсүң да, туурабы?

- Жок, Айтбек. Тагдырым кошкон адамды сүйбөсөм да сыйлайм, ал менин көзүмдү карап турат, анан кантип басып кетем?

- Мен сени гана жакшы көрөм, Саадат. Келчи, макул дечи? Шаарга качып кетип калалы. Түшүнсөң, мен ошондо ооруп калдым, сенин көзүңө чолок болуп көрүнгүм келбеди. Анан өлгүм келди, мени кайтарып туруп алышты, кудай жалгап бутум кесилбей калды. Анан сени эстедим, - Айтбек Саадатты айдын жарыгында кучагына кысты, - Чынында сенсиз жашай албайт окшойм! Балаңды өз баламдай көрөм, Саадат, мага ишенчи!

- Жо-ок, Айтбек. Мен анте албайм, мени кечирип кой, турмуш куруу оюнчук эмес, улуу кишилердин каргышына калбайлы. Сен али жашсың, өз бактыңа жолугасың, кош бол! - Саадат аны менен коштошуп үйүнө кирип кетти. Түнү менен ыйлап чыкты, анткени ал дале аны сүйчү, унута албай ага таарынып жүргөн, анын абалын уккандан кийин миң ирээт көзүн жумуп, Айтбекти ээрчип басып кеткиси келди, бирок анте алган жок. Эртеси ата-энеси: "Дагы жүрө тур, кетесиң да" десе да болбой кетип калды: "Биерде дагы жүрсөм аны көрүп жолугуп, биротоло калып калбайын, эми баары бүттү, уулум үчүн атасынын ишеничинен чыкпай өмүрүм өткөнчө жашайын" деген чечимге келди. Кызынын тирүү экенин да андан жашырып кете берди. Ошондо Асел эки жаштан өтүп, Аземдин кубанычы болуп турган болчу. Саадат ата-энеси өлгөндөн кийин Аземди сураштырып акыры Аселдин күйөөгө тийип төрөбөй жүргөнүн угуп атайын жолукмак болуп күйөөсүнө түшүндүрүп айткан эле. Балдарына дагы айтып, улуу кишилерден ээрчитип, кичүү келини Гүлүяны күйөөсү экөөнү кошуп алып издеп чыккан болчу. Муну уккан Гүлүя: "Кызымды бир көрүп алайын. Мен дагы айтпайм, эч нерсени билгизбейм" деп купуя ойлонуп келатты. Бирок Канат бир тууган бөлөсү экенин ачык айтты. Гүлүянын күйөөсү дал ошол кызынын атасы болчу, Гүлүя ичиндегисин "алдырып койдум" деп койгон. Бул чиеленишкен тагдырлар кандай болгондо чечилээри күмөн, бирок адам баласы баарына чыдап, түткөндө гана жеңип чыгаары белгилүү го. Гүлүя да адамгерчилиги, түшүнүктүүлүгү, ата-энесинен, таеже-бөлөсүнөн тартынып бул сыр дагы көпкө созулаары бышык.

Ошол күнү дагы Асел баягы түшүн көрдү, ушуну менен үчүнчү жолу көрүшү: "Кызык, эми кайдан менин апам келмек эле? Бир кезде жаңылып калып таштап кеткен кызын ойлоп жатса керек. Балким айланамда эле жүрбөсүн, айталбай жүргөндүр" деп ойлоп, көнүмүш тиричилигине аралашып кетти. Канчалык алаксып унутайын десе да эсине түшүп алагды боло берди. Жүрөгү улам солк этип, бир нерсени сезгендей ээлигип кетет: "Балдарым аман болсо экен, мынчалык эле жүрөгүм эмне ээлигет?" Бөөдө кырсыктан сактай көр кудай, эми көөнүм тынып калганда жакшылык эле болсо экен деп ойлоп торолуп, күлүшүп калган уулун кайненесинин алдына коюп өзү кечки тамагына камынып аткан. Эшиктен үн чыгып калды, чыга калса эки эркек, эки келин, бир аял турган экен. Машина менен келишиптир: "Булар кимдер? Деги тынччылык болгой эле... Ботом, Гүлүя го! Кызым... кызымды алып кеткени келдиби, кудай ай?" деп Гүлүяны таанып селдейе туруп калды. Басып барууга дарамети жетпей көзү караңгылай түштү. Утурлап барганга анын кудурети жетмек эмес, нес болуп тура берди. Аны көрүп Гүлүя алдыга басып келди:

- Таежеңе, кандайсыз? Таежем жакшыбы, балдар чоңоюп жатабы? - Анын сунган колун көрүп Асел колун бере койду эле анын колдору калчылдап турган.

- Жакшы... - Ал көзүн Гүлүядан албай ооздору титиреп, - Эмнеге келдиң? - деп шыбырай унчукту.

- Жөн эле, таежеңе, конокторду тосуп алыңыз, - Гүлүя анын абалын түшүнө коюп кучактамыш болуп кулагына:

- Кам санаба, жеңе, башка жумуш. Менин кайненемдер келди, - дегенде өзүнө келген Асел аларды көздөй калтыраган мууну токтобой баратканда алар дагы бери басышты:

- Жакшысыздарбы, келиңиздер!

- Келдик, айланайын, Аселсиңби? - Саадат улгайып калганы менен сымбаттуу аял болчу, Аселди эңкейе өөп койду.

Баары Асел менен жылуу учурашып үйгө киришти. Канат үйдө жок эле. Конок бөлмөгө баштап кирген Асел: "Бул аял эмнеге келди? Балким чоочутпай жай отуруп сүйлөшүп, кызды бер дегени келишкен го?" деп күдүк ойдон арыла албай ою ордунда болбой санааркай берди. Бактыкан алардын үстүнө кирип отурду. Алар аны менен дагы учурашты. Гүлүя сыртка чыгып Аселдин жанына келди. Аны Асел алыс ажаткана жакка ээрчитип барды да:

- Гүлүя, эмнеге буларды ээрчитип келдиң? Тынып алгандан кийин сага бала керек болдубу? - деп ыйлап ийди.

- Жок, таежеңе, эч нерсени ойлобоңуз. Ал жөнүндө сөз жок, булар сиз менен таанышканы келишти, - Гүлүя аны бооруна кыса өпкүлөп жиберди, - Мен башка бирөөгө берген жокмун да. Жаман ойлобоңуз, жүрүңүз үйгө, - деп аны үйдү көздөй алып келатты. Бул убакта Саадат кудагыйы менен сүйлөшүп, ага чындыкты чыгарып турган:

- Кудагый, мен атайы алыстан Аселди издеп келдим. Мына булар Аселдин инилери, келиндери, Аселден башка кызым жок, өтө карып кала элегимде, алы-күчүм барында кызым менен жүз көрүшүп, инилери менен катыштырайын деп келдим, - дегенде Гүлүя менен Асел кирип келаткан, Асел тык токтой калды: "Эмне дейт? Бир туугандары менен дейби?" деп ойлонуп калганда аны Гүлүя колтуктап кирди.

- Асел, - деди Бактыкан келинин ойлуу карап, - Бу жашоодо эмнелер гана болбойт, балам. Бу отурган аял сени төрөгөн экен. Жанындагылар инилериң экен. Садага. Бул дагы болсо кубаныч. Кел, учураш апаң менен! - дегенде Саадат ордунан туруп келип кучагын жайып:

- Садагам менин, ушу сенин жүзүңдү бир көрсөм деп канча жылдар түн уйкумду бөлбөдүм! - деп келип кучактап калганда Асел үнсүз-сөзсүз тилден калгандай тура берди. Же апасын кучактаган жок. Алар ошентип турганда Кадича кирип:

- Апа, апа дейм! - деп Аселди этегинен тарткылаганда ал андан бошонуп кызын карады:

- Эмне болду, кызым? - үйрүлө түшө калып көтөрө коюп сыртка алып чыкты.

Кадичаны көргөн Гүлүянын абалы Аселден жаман болду. Кадам турган кызын кучактап өбө албай өзүнчө буулугуп ыйлагысы келсе да өзүн карманып: "Кой, менин анда акым да жок, эне болууга укугум да жок. Ушинтип турган кыз мени карамак беле? Башка бирөөдө эмес, өз бөлөмдө чоңойо берсин, аман болсо болду" деп өзүн сооротуп отурду. Бактыкан сыртка чыгып Аселдин жанына келди:

- Балам, назарын сындырба, атайын алыстан келиптир. Инилериң менен учураш, тааныш. Бир тууган деген жакшы, "жалгызмын" дечү элең, мына бир туугандарың табылды. "Балам жок" деп жүрүп балалуу болдуң. Тобо де, айланайын. Бу да болсо кудаанын кудурети!

- Апа, эмне кылайын? - Асел кайра кайненесин карады.

- Дасторкон жайып чайыңды бере бер, анан Канат келсе союш союп коноктойсуңар, - Бактыкан келинин башынан сылай эркелете жылмайды, - Багың тоодой экен, балам. Кут кылсын! - Анан үйгө кирди.

Асел дасторкон жайып киргенде эки иниси тура калып аны менен учурашышты, келиндери да туруп келип учурашып атканда Саадат:

- Балам, алып келгиле тигилерди! - дегенде эки уулу сыртка чыкты. Асел дасторконуна баарын жайнатып коюп чай суна баштаганда чоң чаар сумка менен куржунду алып киришти. Саадат бир кой союп, боорсок менен кант, таттууларды куржун көзүн толтуруп келген экен. Чаар сумкага болсо кыз-күйөөсүнө, кудагыйына кийит-кече алып келгенин көрүп, Асел: "Колунда бар окшойт" деп ойлоп койду. Ошол убакта Канат кирип келип эле таңгалып туруп калды. Гүлүя тура калып учурашканда анын оюна да Асел ойлонгон ой келип аны менен суз учурашты. Анын селдейе туруп калганын көргөн Асел аны карап:

- Бул күйөө балаңар болот, - деп күлө караганда Канат түшүнбөй калды.

- Айла-анайын, кел учурашып койолу. Мен Аселдин апасы болот, булар ини-келиндери! - Саадат туруп колун сунганда гана Канат түшүнө калып алар менен учурашты. Саадат аны өөп койду, - Жашоо, тагдыр деген ушул тура, балам. Ушинтип карыганда кызымды издеп келип калдым.

- Жакшы-жакшы, келгениңиздер жакшы болуптур, - Канат отуруп сүйлөшүп атты, - Кош келипсиздер, таанышкан жакшы эмей, : "жалгызмын" дебей, минтип инилери менен катышып турса кандай жакшы.

- Эки жыл мурун келмек элем, шартыбыз келбей бул уулум үйлөнүп калды. Гүлүя садагаң болоюн акжолтой болду. : "Бөлөм болот" дейт, : "таежемдин келини" дегенден кийин чыдай албай калдым, - Саадат бир жылмайып, бир ыйлап отурду, - Өзөгүмдү өрттөгөн, жүрөгүмдү сыйрыган бир дартым ушул эле...

- Кой айланайын, минтип жоготконуңду таап отурасың, шүгүр де, балдарың бар экен, - Бактыкан аны карай насаат айтып отурду. Канат бир-эки чыны чай ичти да, инисине коңшусунун баласын жөнөттү. Анан өзү койду сойо баштады. Аңгыча иниси келинчеги менен келип калды. Агасы да аялы менен келди. Арыдан-бери койду союп конокторду жакшылап сыйлап жатты. Гүлүя улам Кадичаны карап койот, бирок аны кучактап өпкөнгө батынбады. Саадат Аселдин балдарын жан-алы калбай эркелетип жалынып-жалбарып отурду:

- Садагаң кетейин десе, апасынын эле өзү экен. Аман болсун, аман болсун!

- Ооба, ушуларды кандай гана азап менен көрдү, байкушум. Кудайдын береринен түңүлбөсө эле баары болот экен, өздөрүнө кут болсун ушулары, - Бактыкан өзүнчө кубанып отурду, - Бу жаман деле көзгө көрүнгөн сайын эне-атасы жаны калбай атышат.

- Кудайдын ушунусуна шүгүр. Мен дагы жети-сегиз небере көрдүм, кудагый. Аселимди көрсөм дегенде эки көзүм төрт болуп жүрдү. Ойлосом уйкум качат, "канткенде жетем. Мени кандай кабыл алат" деген ойдо жүрөксүйм.

- Капырай, өзү деле бакма экенин билсе керек. Азем кудагый абдан жакшы аял эле, өлөөрүндө айтыптыр, бирок ким экенин билбейт экен да!

- Ооба... - Саадат сөзгө мокой түштү.

Асел кирип келип атайын колундагы кагазды көрсөтө кетти.

- Ушул кат сиздики беле?

- Кана? - Саадат колун суна катты алып окуп отуруп көзүнүн жашы куюлуп кетти, - Ооба, менин жазганым...

- Атам дагы тирүүбү? - Асел мостоюп туруп сураганда Саадат жөн гана башын ийкеди.

- Ал менден баш тартканы үчүн ушул ишке баргансыңар да?

- Жок-жок, кызым, ага мен сени өлдү деп койгом. Аскерден буту сынып кечигип келген. Мен шордуу ага кеч жолуктум, анан сени сураганда айтпай койдум, анткени Азем менин мугалимим эле, андан уялдым. Сен эки жаштан өткөндө анын үмүтүн үзүп койгомун!

- Мен чындыкты билмейинче ишенбейм. Атам ким экенин мен сөзсүз билишим керек! - Асел дале мостойгонунан жазбады.

- Чындыкты айтам, атаңдын дарегин берем, менин айтканымды ал сөзсүз ырастайт. Сени алып үйлөнүп алалы деди, мен шордуу анда бул баламды төрөп койгомун, аттап кете албадым, - Саадат жанындагы чоң уулун көрсөтө сүйлөдү, - Кантейин айланайын, мен төрөгөн кыз деп эжеден талашуу мен үчүн өлүм болду...

- Болуптур, жалгызмын деп өкүнүп жүргөнүмдө инилүү болуп отурам, унутуп калбай энелик парзыңыздан кутулганыңызга ыраазымын! - Асел ошондо гана Саадатты кучактай калып солкулдап жаш балача ыйлап турду.

Ошол мүнөттө Асел Кадичанын тагдырын ойлоп жатты: "Гүлүя деле акыры кызын унута албайт, төрөбөй койгон жокмун, ушуга да шүгүр. Өзүнө айтайын, бөлөк эмес, өз инимдин кызы экен, ошон үчүн мага окшошуп турбайбы!" деп Гүлүяга энелик мээрим менен карап ал азыр Кадичаны кучактап өпсө да каршылык кыла албасын түшүнүп турду. Аңгыча кудагыйын сыйламак болуп Аселдин абысындары, кайнага-кайнилери кирип стакандарга арак куюп сунуп киришти:

- Мен ичпейм, айланайын, - деген Саадатты оюна койбой улуу абысыны кыстап кирди.

- Кудагый, мындай кубаныч ар бир эле адамда боло бербейт. Мына, Асел канча жылдап төрөп-түшпөй өзүнөн өзү чүнчүп да бараткан. Минтип удаа-удаа экини төрөп отурат. Неберелериңиз үчүн, кызыңыз үчүн, бизге окшогон куда-кудагыйлар менен таанышканыңыз үчүн алып коюңуз! - деп шакылдап жатты.

- Келгиле кайнилер, - Канат кирди бир жактан, - Мен силердей кайнилерим менен таанышканыма кубанычтамын, - деп Союзбек менен Сегизбайды кыстап атты, - Биз эми бир тууганбыз, бүгүн алып койгула, мындан кийин менин көзүмчө ичкениңерди көрбөйүн! - деп тамашалай күлдү. Анан Сегизбайды карады, - Сен болсо мага күйөө бала экенсиң, Гүлүянын апасы менен тээтиги чоң кемпир бир тууган, менин бөлөм болот.

- Түшүнөм, уккам, - деп Сегизбай күлүп калды.

- Апам менен отуруп ичкенибиз болбойт ко? - деп Союзбек да күлдү.

- Эчтеке эмес, силер кош кубанычта отурасыңар, бүгүн Асел дагы мен дагы кубанычтамын, - деп күпүлдөшүп сыйлап отурушту.

Аселдин абысыны Саадат менен сүйлөшүп отуруп улам ага алдырып атты. Өзү да ичти.

Ай Асел, кел бери, сен апаңдын жанына отурчу, аз болсо да сагынычыңарды жазып, жакындан таанышып эне-баладай сүйлөшүп отургула! - деп шакылдады абысыны, - Асел биздин эң жакшы деген келинибиз, аты да, өзү да асел!

- Келиним айылдагы келиндердин алды. Мен мактабайын, өз карындашымдай көрөм, - Кайнагасы Турат бакылдап кирди.

- Апа, келишиңиз менен. Аселди жалгызсыратпай инилерин ээрчитип келип тааныштырганыңызга миң мертебе ыраазыбыз. Аселим эми жалгыз эмес! - Канат кайненеси Саадатты карап сүйлөдү, - "Жалгызмын" деп кейип калчу эле.

- Жалгыз эмес балам, бул экөөнөн башка дагы эки иниси бар. Алар шаарда, иштеген иштери бар. Алар өздөрү келишет же чакырышат. Жоодарбек деген уулумдун өзүнчө бизнеси бар. Базылбек деген уулум кызматта турат, бир жагында министир.

- Оо жакшы тура, буйруса Аселдин аска тоодой инилери бар экен, бактылуу экен, - абысыны Калтар Аселдин көңүлүн көтөрө карап койду.

- Ыраазымын аке, жеңе, менин кубанычымды тең бөлүшкөнүңөргө! - Асел кубанычтан бир аз алган ичимдикке эки бети албыра жылмайды.

- Сенин кубанычың биздин кубанычыбыз, балам. Ылайым эле Канат экөөң бактылуу болуп, өмүрүңөр өткүчө кейибей-кемибей жашай берсеңер болду.

Ошол убакта Калыбек ыйлап калды. Аны алып Асел эмизип отуруп калды. Түн бир оокумга чейин бакылдашып отуруп, анан жатышты. Саадаттын жанына Асел жатып, уул-кызын уктатып коюп сүйлөшүп жатты. Саадат кырктан ашканда көргөн кызын чекесинен жыттай чачынан сылап:

- Мен ата-энемден корктум. Айтбекке кат жазсам жообу жок, анан сени таштаганга туура келди, кызым. Кийин ал сени сураганынан ага сени жок деп так кесер кылып койгом. Кайрадан үйлөнүп жашайлы дегенде мен Союзбекти төрөп койгом, ошон үчүн болбой койгом. Атаң азыр шаарда турат, бир эле баласы бар экен, былтыр жолукканда айттым...

- Анан?

- Анан дарегиңди алып калган.

- Мен сизге бир сыр айтайынбы? - Асел ага карай жылмайды.

- Айта гой?

- Кызымды көрдүңүзбү?

- Кадичаныбы?

- Ооба.

- Көрсөңүз мен ошону багып алгам.

- Койчу. Өзүңө куюп койгондой окшошуп турат ко?

- Сегизбай шаарда окучу беле?

- Ооба, ушу Гүлүя менен сүйлөшүп жүрүптүр. Анан ал бизге барып кеңешип келгиче боюнан алдырып коюптур да бу кыз.

- Алдырбай-этпей эле, Кадичаны мага төрөп берип кеткен. Анын келечек тагдыры мендей болбосун деп ойлоп калдым. Эртедир-кечтир эне табат экен, менден аны алам деп ойлобогула. Имерип өзүңөргө тарта бергиле...

- Кагылайын десе, сени азем эже жакшы тарбиялаган экен. Гүлүя байкуш ичин ит талап жаткан тура анда?

- Ким билет, башка бирөө болсо жолотмок эмесмин, бирок өз инимдин баласын талашпайын деп чечтим.

Саадат бир жумадай жүрдү. Балдары кетип апасы кетээрде алып кетмек болушту. Эне-бала сүйлөшүп сырдашып сагынычтары жазылды. Кетээринде ага бир сыйрасын кийгизип жөнөтүштү. Кетээринде Гүлүя Аселди карап, анан ал ары кеткенде Кадичаны бекем кучактап өөп-өөп алды. Аны ичтен карап турган Асел жылмайып алды. Асел ошондон баштап санаасы жок, төрт тарабы кыбыла болду да калды. Күндө балдарын окууга жөнөтүп, алар келгиче эки баласы менен алек. Кайненесинин кирин жууп кийимин которуп чаң жугузбайт. Калыбеги отуруп калганда "був-був" деп анын ичин элжиретип үн салганы, бара-бара "апа" деп баратканы кубанычка бөлөп жатты.

Бир күнү Асел уулу-кызы менен отурса Асылбек сырттан ыйлап кирди.

- Апа, апа! Мени Сатыбалдынын баласы уруп койду, үү-үү!

- Эмнеге, урушуп кеттиңерби?

- Мен урушкан эмесмин.

- Анан эмне болду?

- "Апаң өгөй, сенин апаң өлүп калган" дейт, анан экөөбүз уруша кеттик, мени уруп койду.

- Мейли балам, айта берсин. Кел, келе гой, - Асел баланы үйгө алып кирип кийимин чечип которуп чай берди.

- Апа, сиз өгөйсүзбү, а "өгөй" деген эмне?

- Айта берет, уулум. Ошо сенден чоң эле бала ошентип атабы?

- Ооба, "өгөй бул апаң, сени төрөгөн апаң өлүп калган" дебедиби. Чын эле өлүп калды беле? - Асылбек Аселди суроолуу карап жооп күткөндөй болуп апасынын оозун тиктеди. Асел эч нерсе дей албай туттуга туруп калганда ал кайра сурады, - Сен чын эле өгөй апасыңбы?

Аселдин жүрөгү тыз этип алды: "Акыры айтылмак. Канат келсе ачыгын айтып кой дейин. Түшүндүрүп койсун, энесинин сүрөтүн көрсөтсүн" деп унчукпай калганда Бактыкан анын сөзүн угуп ички бөлмөдөгү жаткан жеринен туруп келип:

- Ой арам, эмне деп эле бырылдап атасың? - деп Асылбектин жанына отурду.

- Анан эмне мени Сатыбалдынын баласы "апаң өгөй, өзүңдүн апаң өлүп калган" дейт?

- Уулум, мен ага сени ээрчитип барам азыр, алар өлбөйт бекен, ыя? - Бактыкан жиндене Аселге карады, - Менин чапанымды алып чыгып берчи, балам.

- Апа, барбай эле коюңуз, бала да. Айтса айтып койгондур...

- Барам эле, экинчи айтпай турган болсун! - деп чапанын кийди дагы Асылбекти ээрчитип жөнөдү.

Эки-үч үй нарыдагы Сатыбалдынын үйүнө барып эшигинин алдында жүргөн аялын чакырып алды:

- Келиңиз, эне! Кайдан бу, кириңиз үйгө, - деп ал энени үйгө чакырды эле, Бактыкан болбоду.

- Жок, балам, ушу жерден эле кетем. Уулуң кайда жүрөт? Өзүнөн кичүү ушуну менен урушуп, "энең өлүп калган, апаң өгөй" дегени эмнеси, ботом?

- Жашшабагыр, ошентиптирби? Карасаң дегеле, аны шашпа, капаланбаңыз эне, келсе айтам, экинчи айтпагын деп.

- Балага түшүндүрүп койгула, булар али жаш, убагы келгенде өздөрү деле билет.

- Ооба-ооба, түшүнөт да өздөрү деле. Асел уккан жокпу? Ал укса капа болду го?

- Укту, ошого ыйлап айтып жатканынан келдим да, болбосо эмне. Ал байкуш эчтеке дебей эле делдиреп калды.

- Атаны чечек десе, жүрөгүн ооруткан экен. Келээр ушул жерге, - деди Сатыбалдынын аялы кейип-кепчип. - Кирсеңиз боло, чай-пай ичип чыгыңыз, - деп Бактыканга карады.

- Нан ооз тийейин, ушул жерге эле алып чык, балам, - Бактыкан эне ичкери кирбеди.

Нан ооз тийип кете берди. Асел ар кайсыны ойлонуп отурганда эне кирди.

- Өлүгүңдү көрөйүн чечек десе! Апасына айтып келдим, ал байкуш уялып калды, экинчи айтпайт, - деп кирип келатып эле сүйлөнүп кирди. Зарылбек дагы отуруп чай ичип атыптыр. - Мурдуңа келгир десе, сен урушуп-талашпай жүрөсүңбү?

- Жо-ок, урушпайм мен, окуп эле атам, - Зарылбек буруюп койду, - мен урушуп жүрчү белем.

- Садага кетейин десе, уулум жакшы бала, жакшы дагы окуйт, - Асел Зарылбектин башынан сылап өөп койду. - Бейбаш болбой жүр, ээ?

- Ооба, мен урушпайм, апа. Асылбек көп урушат.

- Асыл кичинекей, сендей болуп төртүнчүгө окуганда жакшы жигит болуп калат. Асыл, сен дагы жакшы бала бол, ээ, күчүгүм?

- Ооба, эми такыр урушпайм! - Асылбек эдиреңдеп койду.

Алар ошентип отурганда Канат кирди. Балдары менен отурган аялынын жанына отура кетти. Эч кимиси унчукпады. Асел ага тамак куюп берип, өзү баласын алып отурду. Кадича алда качан уктап калган. Калыбегин бешикке бөлөп коюп төшөк салып, балдарын жаткырды да, кайненесине төшөк салды. Андан кийин өздөрү жатышты. Кадича дайыма атасын кучактап жатат. Ал өзү да аны жакшы көрөт, жумушка кеткенде уктап жатканда кетет, болбосо этектеп ээрчип ыйлап калат.

Канаттын жумушу жакшы, айлыгы арбын, малы менен бакубат жашап, оокаттары тың. Канат уулунун туулган күнүнө абдан камынып жатты. Тушоо тоюн да өткөрмөк. Асел үй ичин актап тазалап, толгон түйшүктүн кучагында. Алар ошентип жатканда шаардан аларга бир адам келип кат берип кетти. Ал Айтбектин жөнөткөн адамы эле: "Кызым, келип кеткиле. Күйөөң, балдарың менен кел. Мен силерди күтөм, Айтбек" деп кыскача гана жазылган катты Асел окуп: "Атаң шаарда кызматта турат, сенин дарегиңди алып калды" деген апасынын сөзүн эстеди. Үйүнүн дареги да жайын жазылып, телефон номерин жазган экен. Канат келгенде ага айтты эле:

- Чакырса баралы, жаным. Кайната менен таанышып келели, - деди.

Кызык, чакырса эле бара беребизби?

- Эмне үчүн барбайбыз? Бир кезде "эч кимим жок" деп кейип калчусуң. Эми баары бар, ушундайда катышпаганда качан? - деди Канат.

Жайдаркан күйөөсү өлгөндө элүү эки жашта эле. Кудайбердиси бала-чакалуу болуп, өзү менен өзү. Анда-санда гана ага каралап турат. Күйөөсү өлгөндөн кийин кейип-кепчип жүрүп акыры тагдырынын салганына көнүп берди. Калган төрт баласынын экөөнү да үйлөнтүп-жайлантып чыгарды. Экөө али мектеп жашында эле. Эң кичүүсү абдан бейбаш болду. Жайдарканды мектепке чакырып, Таланттын бейбаштыгын айтып уяткарышат. Үйгө келгенде тилдеп да, жакшы айтып да көрдү. Бирок ал ага боло бербеди. Үйдөн качып кетип калчу болду. Жетинчи класс болчу, бир күнү үйгө бир аялды ээрчитип келиптир.

- Ой бала, сабагың калбадыбы, кайда жүрөсүң? - Жайдаркан аны көрөөрү менен урушуп кирди.

- Апа, мен өзүмдүн апамды таап алдым… - Талант жер карап күңк этти.

- Эмне-е? - Жайдаркан делдейе тигил аялды карады.

- Мен баары бир уккам, мени багып алыпсыз го?

- Дагы эмне дегиң келип турат? Баккан баладай кылып кир кийим кийгизип, кардыңды ачырдымбы, балам?

- Жо-ок, апа, баары бир өз апам деле керек да?

Экөө антип турганда берки аял:

- Эже, кечирип коюңуз, мен сизден баланы талашканы келген жокмун. Өзүм үй-жайсызмын, баламды кайдан кимдин колунан алганыңызды угайын. Мүмкүн менин балам эместир, аныгын сиз далилдейсиз… - деп жалдырай карады.

- Аныгын билбей "сенин апаңмын" деп ээрчип келе бердиңби? - Жайдаркан аны жини келе карады.

- Жо-ок, Талант дайыма биз менен "иштешет", анан өзү айтып калды. Көрөйүн, сиз менен сүйлөшөйүн деп келгем.

- Эмне кылып иштейсиңер? - Жайдаркан сынагандай жийиркеничтүү карады.

- Мм, жөн эле… - Ал мукактанып сүйлөй албай Талантты карады.

- Сен айтчы ыя, эмне иш кылып жүрөсүң? Же мен сени бирдемеден кемиттимби? - Талант да жер карады. - Ушу силер уурулук кылат окшойсуңар?!

Экөө тең тилден калгандай үндөбөдү. Жайдаркан ачуусу келип ары-бери басып атканда Таланттан улуусу Талгат келип калды. Ал дагы буларды алмак-салмак карап туруп калганда Жайдаркан үйүнө кирип кетти.

- Сен эмне, апамды капа кылып койдуңбу? Качан адам болосуң? Сени ойлонуп ансыз да ал жаман болуп жүрөт, - деп Талгат Талантты карады эле, ал:

- Мен эмне кылып атам? Баарың эле мени уруша бересиңер, мен биротоло кетем! - деп ыйлап жең учу менен көзүн аарчып калды. Ошол кезде Жайдаркан колуна кийим-кече салынган баштыкты алып чыкты:

- Мына кийимдериң. Апаңды тапсаң биротоло кеткин. Сени үчүн башымды оорутуп жүрбөй мен да балээден кутулайын! - деп Таланттын колуна баштыкты карматты. - Бар, бара гой. Мээнет кылып бактым эле, "бөрү баласы ит болбойт" деген ырас экен, - деп ары басканда Талгат апасына таң кала артынан басты:

- Апа, эмне деп жатасың? Ал кайда барат?

- Алдагы анын тууган энеси экен, балам. Барса барсын, жолун тоспо! - дегенде маңдайына тура калган уулу анын көзүнөн мончоктоп жаш куюлганын көрүп:

- Кантип эле, ал… - деп эки ортодо делдейип туруп, анан апасын сооротконго киришти, - Ыйлабачы апаке, Талант эч кайда барбайт. Мен аны кетирбейм. "Апаң болом" десе эле кете бермек беле? - деп, Талантка жетип барды, - Айтчы, сен кантип билдиң?

- Билбейм, өзү айтты… - Ал башын жерге салды.

Тигил аял ошондо үндөбөй короодон чыгып кетээрде аны Жайдаркан токтотту.

- Үйгө кир, сүйлөшөлү.

Үйгө киргизип алдына дасторкон жайып, анан балдарын өз бөлмөсүнө чыгарды да, аны менен жай сүйлөшмөк болду. Ал аял жүдөө, турмуштан өтө кейиген, өзүнөн бир топ жаш көрүнгөн Орозкан эле. Баласын таштаган күндү көз алдына келтирип, чай ичип отуруп башынан өткөн окуяны Жайдарканга башынан айтып берип атты:

…Орозкандын ата-энеси колунда жок адамдар эле. Атасы Кулмурза ичип алып үйүнө тынчтык бербей аялын уруп-сабап күн көргөзчү эмес. Айыл коңшулары аларды теңине алчу эмес. Той-топур болгондо ага баргандан Апал тартынып турчу. Балдары биринен сала бири чоңоюп өз алдыларынча жумуш издеп кетип, колунда Орозкан гана калган. Төрт эркек, бир кыз. Апасы ушул кызын калкалап ар качан ыйлап-сыктап жүрүп акыры оорукчан болуп калды. Орозкан мектепти бүткөндөн кийин апасын багып, атасы ичип келсе аны жаткырып өтө түйшүк тартты. Агаларынын кайда экени белгисиз болуп кетти. Ыйлап-сыктап Орозкан же атасы тамак-аш таап келбей, жасап ичээр эчтекеси жок, болгонун апасынын оозуна кармап, "айыгып кетээр" деп жүрүп арадан эки жыл өтүп кетти. Илмийип арыктап кеткен кызына Апалдын зээни кейип, бир күнү күйөөсү соо кезинде алсыз минтти:

- Кулмурза, тирүүмдө жакшылык күндү көрсөтпөдүң, эми ушул жалгыз кызды ойлосоң боло. Карачы кебетесин. Мен го адам болуудан калдым. Үйдө жалам талкан жок, эми жаш эмессиң, иштеп бирдеме таап келбесең аз күндө бу кыз ачкадан өлөт!

- Кечирип кой, кемпир. Эми ичпейм, бүгүндөн баштап иштейм, - деп убада берген Кулмурза кечинде бутунан туралбай мас болуп келди, бирок колундагы баштыкка тамак-аш алып келиптир. Орозкан ичип келсе да бир топ азык көтөрүп келген атасына ыраазы боло көзүнөн жаш кылгыра сүйүнүп тамак жасоого киришти.

- Апа, атам көп азык алып келиптир, сизге ысык шорпо жасап берейин, ээ?

- Садага кетейиним ай, мага эле дебей өзүң деле ичип жүрчү. Карачы кейпиңди, же бир элдин кыздарындай болуп эки жакка баспадың, - деп кейип калды Апал.

- Сен кейибечи, апа. Өзүң жакшы болуп кетсең эле болду. Мен эмне, али жашмын, баса турган күн келет, апаке! - Орозкан апасын кучактап өөп эркелей кетти.

Кулмурза бул убакта бут тартпай уктап жаткан. Орозкан арыдан-бери тамак жасап апасына берип, өзү ичип ныксырай түштү. Көптөн бери ысык тамак ичпегенге шалдырап экөө тең уктап калды. Кулмурза туруп башы ооруп турган неме калдыратып тамактан куюп ичип кайра жатып калды. Ичкенде урушаарга жоо таппай жулкунуп калган ал азыр жинин кимден чыгараарын билбей эптеп арактан чыгарат. Жакшы эле ичпейин дейт, бирок курган кекиртегин тыйалбай жүрдү. Аялынын оорудан төшөк менен төшөк болуп арыктаганын, аны баккан кызынын жаагы шылынып, илмийип калганына ого бетер зээни кейийт, бирок ошонун баарын арак ичип жеңгиси келет.

Эртеси эрте ойгонуп, аялынын үстүнө кирди.

- Апал, кандай денсоолугуң, жакшы боло баштадыңбы? Доктурга барсаң кандай болот, ыя?

- Доктурга барганда мени ким карайт? Акчаң болсо карайт, болбосо ушинтип жатат белем? Кызымды да кыйнадым, ушундан көрө же ары, же бери болгонум жакшы эле…

- Кой кемпир, антпе, мен кечээ бир жумуш тапкам. Бир жума иштесем бүтө койом, үч миң берем деди.

- Иштесең иште, ичпей ошол акчаңа ун, кант, чай алсаң,.. Кокус өлүп калсам мени көмүүгө чычкак улагың жок, уялсаң боло?

- Болду, эми аз-аздап ичип токтотом. Кошо иштегендер ичсе кошулуп кетип атпайынбы, - Кулмурза жыйырма жылдан ашык бирге жашап, ысык-суугуна тең ортоктош болгон өмүрлүк жарын айап турду. Булар сүйлөшүп жатканда Орозкан сыртта жүргөн эле. Ал коңшу аял менен сүйлөшүп туруп калды:

- Апал жакшы болуп калдыбы? - деди ал.

- Жакшы, мурункудан жакшы болуп келатат.

- Ошентсин байкуш. Эрден да, баладан да көрбөдү. Төрөп-төрөп коюп, ызаат-сыйын көрөөрдө алары басып кетишти. Деги алардан дайын барбы?

- Жо-ок. Алар деле кантип таштап кетсин, келишет да, иштеп жүрүшсө керек, - Орозкан агаларына сөз тийгизгиси келбей жактай сүйлөдү, - Бир күнү келет да.

- Келгени курусун, энесинин акыбалы бул, аны багам деп сен да кыйналдың.

- Кыйналсам деле апам сакайып кетсе болду, эже. Мен баарына кайылмын!

- Айланайын десе, сени кыз кылып төрөп алып жакшы болгон экен, - деген коңшу аял ары басып кетти.

Орозкан аны артынан карап туруп: "Чын эле төрт агамдын бири кабар алып койбойбу? Апамдын акыбалы бул, атам ичкенин койбоду. Эмнеси болсо да апам аман-эсен айыгып кетсе экен" деп ойлуу кирди.

- Садага болоюн кызым, эмне болуп калгансың, түйшүк тартып калдың, ээ? - Кулмурза кызын эми көргөндөй карады.

- Ооба, эки жылдан бери үнөмдөп нан жеп, кара жарманы да таппай суу ичип атса арыктамак турсун… - Апал жашына мууна буулугуп сүйлөй албай калды, - Бүгүн көрүп атасыңбы ошону? "Эмине жеп, эмине ичип атасың?" деп сураган киши жок, тырмактай неме жүдөп кетти.

- Болду, эми балакет ичейин, ичсем өлүп кетейин. Кой, мен эми силерди багайын, - Кулмурза ордунан туруп чыгып кетээрде Орозкан аны кучактап ыйлап ийди:

- Ата, ичпечи деги! Жакшы эле ичип жүрдүңүз. Элден уялат экенсиң. Балдарың да намыстанып кетип калышып, басып келбей коюшту, ичпеңизчи!

- Ичпейм, кызым. Ит болоюн эми ичсем. Бүгүн эртерээк барып бир иш бүтүрөм, "үндүк берем" деген, анан эки жүз сом акча да берет. Ичпейм! - деп кызынын жүзүнөн сүйө чыгып кетти.

Орозкан ошол күнү абдан сергилең жүрдү: "Атам ичпей калса, апам сакайып кетсе биз дагы элдей жашайбыз. Кеп-сөз кылгандардын көзүнө көрүнөбүз" деп оокатын жасап, кирин жууп, апасын жуунтту. Атасынын алып келген үч килдей этин аз-аздан кошуп, камыр оокат жасап апасы экөө ичип, калганын коюп койду. Ошол күнү Кулмурза кечигип келди. Ырас эле бир үндүк менен эки жүз сом алып келди, бирок дагы мас, бирок өтө эмес, кызуу экен.

- Ата, ичпейм дебедиң беле? - Орозкан ага тамак куюп берип отуруп ыйламсырай сурады.

- Кызым, токтотом сөзсүз. Дароо токтотсо адам өлүп калышы мүмкүн дейт. Мен канча жылдан бери ичип жүрөм го, же өлө берейинби? - деди Орозканды карап.

- Өлбөй эле коюңуз, бирок ичпечи ата, мен эртең ун алып келип нан жасайын. Тиги үндүккө жем жок, кантебиз?

- Ага эртең жүгөрү алып келем, ага чейин байлап кой, курт-кумурска жеп тураар… - деп Кулмурза аялына карады:

- Деги жылыш барбы?

- Баягыдан дурусмун. Мен ушу тамактан эле ооруганмын го, жалаң кара жарма менен каткан нан сойсо керек.

- Ой анда сени эми жалаң эт менен багам, кемпир, деги аман жүрсөң болду.

- Шүгүр, жакшы болуп баратам, - Апал улутуна алсыз колдорун ушалап койду, - Каруум гана жок, болбосо өзүм туруп эле иш кылсам дейм..

- Апа, иш кылбай эле сакайып кетсең болду. Атам ичпей калса, силер урушпасаңар элдей болуп жашасак кандай жакшы.

- Буйруса таштайм, кызым. Сен дагы чоңоюп калдың. Күйөөгө чыгып калсаң кеп-сөз болобуз го? - Кулмурза чындап эле кызынын тагдырын эми гана ойлогондой үңкүйө отуруп калды.

Жашоолору да өтө начар эле. Апал өзү эгиздин түгөйү. Соо кезинде балдарды эмдеп, ырым-жырым жасап, чакырган жерге көп барчу. Аны Кулмурза мас болуп алып: "Сен эмне кылып жүрөсүң? Ойнош күтүп алдыңбы? Менден кеткени жатасыңбы?" деп, алып келгендерин ыргытып, чачтан ала сабап калчу. Мына эми ошолорду ойлоп туура эмес кылганына өкүнүп атты. Бирок өкүнгөндө өткөндү кайрып алууга болмок беле: "Жоо кыядан өткөн соң кылычыңды бокко чап" деп акылмандар айткандай, өзүнүн деле жакшы мезгили арактан көзү ачылбай жүрүп татыктуу өтпөгөнүн сезип турду: "Байкуш Апалга деле күн көргөзбөптүрмүн. Башка аял болсо эбак балдарды жетелеп кетип калмак" деп аны акырын карап кубакай жүзүнүн бет сөөгү оркоюп, көздөрү чүңүрөйүп турганына ичи ачышып аяп кетти. Кулмурза ошондон баштап кызымтал болуп келет да, тапканын көтөрүп алып келе баштады. Кичине күчтүүлөп тамак ичкенге Апал ордунан туруп эшикке чыгып-кирип калды. Кулмурза бара-бара аракты таштады, үйүнө тоок, үндүк курап, улак, козу алып келип ирдене баштаганда улуу баласынан кат келди. Аны ошол айылдык бирөөдөн берип ийген экен. Ал кат мындайча жазылыптыр:

"Ата, апа, кандай жатасыңар? Апа, атам дагы эле баягысындай ичип жүрөбү? Орозкан окуусун бүттүбү, бүтсө кайда? Мен болсо Россиянын Кемерово деген жериндемин. Келгенден бери кыйналып жүрүп эми жакшы жумуш таптым, буйруса Өскөн менен Бектенди алып келип алам. Алар үйдөбү? Мен баргыча эч жакка кетпесин, бир жылда барып каламын. Бул жакта жашаса да болчудай экен, апа. Мен эгер туруктуу болуп калсам, Орозкан экөөңөрдү алып баса берем. Атам жүрө берсин, бизди деле баккандай болгон жок. Сиз гана күйпөлөктөп бирөөлөрдүн ишин жасап жүрүп бактыңыз. Үч жылдан бери ойлогонум менен колумдан эч нерсе келбей өзүм зорго жашап жүрдүм. Эми болсо тааныш бала аркылуу иш тапканыма үч ай болду. Тапканымды үнөмдөп силерге берип жатам. Аман тургула, апа. Уулуңар Достук" деп кат менен кошо миң доллар берип ийиптир. Кулмурза ойлонуп калды: "Балдарыма деле жек көрүнүп калган экемин. Кой, үй турмушту алар келгиче оңдоп, адам болоюн" деп үйүн оңдоого киришти. Эртели-кеч үйүнүн үстүн ачып, кайра башка жумушта иштеп атты.

- Кой, кемпир, балдар мени сыйлабай калган экен. Кат алып келген баладан кайра кат жөнөтөлү.. - деп аялына күнөөлүүдөй карады.

- Ооба, кат жөнөтпөсөк болбойт, сарсанаа болбосун. Өскөн менен Бектен, Мыктар кайда жүрүштү экен? Достук аякта өзү эле тура, - деп Апал кабатырланып алды.

- Кудай сактасын, алар да бир жерде эптеп жүрүшсө керек. Үйгө келейин десе менин ичкенимден заарканып, балдарым талаалап кетиптир да.

- Ошону ойлонбодуң го. Эми дагы кеч эмес, алар келгенде алдынан атадай болуп тосуп чыксаң кубанышпайбы?

- Туура айтасың, - Кулмурза аялынын айтканын туура көрүп, жайы менен үйүн шыбап, короосун тосуп, бир топ жакшы болуп калды.

Оокат-ашка кенелип, Орозканды бир сыйра кийинтишти. Баягы кирип-чыкпаган коңшулары каттап, шыпшына сөз кылып, Достукту жерге-сууга тийгизбей мактап калышты. Орозкан дагы көзгө көрүнүп, бойго жеткени анча-мынчалар көз сала башташты. Кулмурзанын да ичпей калганын айтышып, сөз жеткире алышпайт:

- Ушу Кулмурзаны арак таштайт деп ким ойлоптур?

- Ошону айтсаң, канына сиңип эле калгандай болду да?

- Эрки күчтүү экен, ыраса таштап койду. Байкуш Апалга деле күн көрсөткөн жок жакшылыктуу.

- Апал эми серпилет да, балдары иштеп атыптыр, мына жакында миң доллар берип ийиптир!

- А-аа байкуш, балдарынын баары тентип кетти, атасы алкаш болсо кайсы тарбия алды дейсиң дешип атпады беле?

- Тентибей-этпей эле иштеп жүрүшүптүр.

- Мейли байкуш, ошентсин бечаралар. Жаш болду жаман болду, эми токтолду да, - дешип атты.

Кулмурза тамын зыңгыратып бүтүрдү. Кийинки жылы жазда Достук эки иниси менен келди. Экөө эки машина менен келип токтогондо жарданып карап кээси учурашкан болуп жетип келишти. Ата-энеси менен учурашып, эки жагынын оңолуп калганына балдары кубанып турушту. Ушул жолу Достук апасына абдан ыраазы болду.

- Ата, мен мындайды күткөн эмесмин, ыраазымын. Эсиңизге келипсиз, намысты ойлоптурсуз.

- Болду эми, балам, атаң ансыз деле уялып жүрөт. Мен ооруп калып Орозкан абдан кыйналды. Аз болгондо экөөбүздөн ажырап калмаксыңар, - Апал үшкүрүнө айтып отурду, - Атаңар эсине ошондо гана келип, ичкилигин таштап, үйгө карап калды. Эми кудайга шүгүр, баары артта калды. Силерди ойлоп жаман болдум.

- Биз деле оңуп кеткен жокпуз. Эки жыл эптеп эле күнүмдүк оокат үчүн иштеп жүрдүк. Буларды Бишкекке келгенден кийин тааныштардан сурап жүрүп зорго таптым. Келгениме он күндөн ашты, - Достук апасын карады, - Мен эмки кеткенде Якутияга барам, сизди ала кетейинби?

- Кой балам, алыс жер болсо, карыганда аякка эмне бар, атаң дагы биякта кыйналып калат.

- Мейли анда, мен бир айга эле келгем, он күндөн ашып кетти, дагы он күндө жөнөйм. Мыктарды көрдүм деген адам жок, дагы издейм го…

- Алдыңа кетейин ай, ал кайда жүрдү экен? - Апал кичүү уулун эстеп кейип алды, - Ал эмне үйдөн кеткенин билбей калдым.

- Ал деле тажады да, апа. Күндө ичип алып жаңжал кылып, сизге болушсак бизди кошо сабаса, качат да.

- Эми эмне кылайын, атаңар эсине кеч кирип, кеч токтолду. Аялды аял, баланы бала дебеди. Эми көп эле айта бербегиле, кайра ичип албасын, - Апал эшикти карай сактана сүйлөдү.

Кулмурза сыртка чыгып балдарына арнап кой соймокчу болуп жүргөн. Ал кирип Достукту карады:

- Достук, бир козу алып чыгып байлап койдум, балам. Сойо койгула, силерди коноктоюн.

- Ата, сойбой эле койолу. Малдын зыяны тийбейт. Андан көрө көбөйткөнүңүз жакшы, кой эмес, корообуз жок эмес беле, элден уялып кеткенбиз үйдөн, - Достук мал сойдургусу келбеди.

- Кой, балам, алыстан келдиңер, аман-эсен келгениңер үчүн да бир малды сойуп ата-арбакка куран окутуп койолу. Эчтекебиз жок деле жашап жүрбөдүк беле? - Апал болбой ээрчитип чыгып бата кылышты да, Кулмурза козуну союп кирди. Ушул азыр Апалдын төбөсү көккө жетип турду: "Ушунуңа шүгүр, жараткан, ооруп жатып өлүп калсам балдарымды көрбөй калмакмын. Ушунчалыгына ыраазы болоюн, аман келип балдарым эл кийгенди кийгизип отурат. Эми Мыктарым келип калса, Орозкан турмушка чыгып өз туурун тапса анан өлсөм арманым жок" деп улутунуп алды.

Достук эки иниси менен таң заарынан мал базарына барып төрт-беш торпок, бир саан уй, беш-алты жандык кошуп айдап келишти. Аны көргөн коңшуларынын бири көрсө, бири көралбай жатты.

- Бу ашка жетпей чоңойгон Кулмурзанын балдары кыйын чыккан экен, атасы эзели короого түк кармаган эмес эле…

- Капырай, атасы ичип жүрүп жокчулуктун азабын тарткан немелер иштеп жашагысы келди да?

- Деги эле ушундайдын балдары тың болот, биздин балдар эмне окуйм, чокуйм, акча керек деп турушат.

- Бар болсо бересиң да, жок болсо жооруңду чукуп берет белең. Кулмурзага окшоп чычкак улагың болбосо балдарың кайдан келе демек эле? - дешип айыл ичи тим эле уу-дуу болду.

Тээ Апалга үйлөнгөндө Кулмурза шоопур болчу. Балдары бир машинаны атасына документтештирип берди да, бирөөнү сатышты. Алар анан арадан он чакты күн өткөндө ата-энесине кыштык отунун, чөбүн даярдап берип жөнөмөк болушту. Апал аларга боорсок жасап, жолдо жейсиңер деп куурдак кууруп салып берди. Достук кетээринде кайра-кайра энесин кучактап өпкүлөп:

- Апа, көп ойлонбой жүр, ооруп каласың. Дагы бир жылда келип келиндүү кылам, - деп анан атасына карап, - Апамды жакшы караңыз, өзүңөрдү жакшылап карагыла. Малды көбөйтүп бирден сатып керегиңерге жараткыла. Жакшы эле азап тартып, жашоонун кызыгы эмнеде экенин сезбей жүрдүңөр, - деп көпкө чейин айтып отурду.

Ошентип үч уулу бирдей жөнөп кетти, ак баталарын берип ата-эне кала беришти. Орозканды алып кетмек болушту эле: "Алыс жакка кыз балага эмне бар?" дешип экөө тең болбой койушту.

- Кудайга шүгүр, кемпир, анча-мынча элдин көзүнө көрүнүп эле калдык. Эми балдар үйлөнсө небере көрүп бакубат турмушта кудай деп жашайлы, - Кулмурза жантая жатып алып компоюп койду.

- Балдардын келгенинде сенин ичпей калганың абийир болду, болбосо капа болуп кетишмек, - Апал ага ыраазы боло карады, - Сага бир кудай ынсап бербегенде…

- Ооба десең, кудай бир сактады. Кызым экөөңдүн кейпиңерди көрүп өзүмдү токтоттум да. Ачкадан чын эле экөөң тең жаман болупсуңар, ичип жүрүп эчтекени билбей шерменде болуп кала жаздадым.

- Садага кетейин Орозканым мени сактап калды. Өзү ичпей мага бергенин байкап калдым, ошондо сага айттым да.

- Апа, болдучу эми, анын баары артта калбадыбы. "Канча азап тартсаң, жыргалы ошончолук болот" деген, биздин башыбыздан өткөн азап азыркы тапта канчалаган адамдарда бар, биз эле эмес, з Орозкан ата-энесин тыя сүйлөдү, - Унуткула баарын, ушуну кудай кут кылсын эми.

- Садагаң кетейин десе, эми сен бир жакшы жерге тынып калсаң санаабыз тынып калат эле, - Апал кызын эркелете чачынан сылап койду.

- Ии-ий койчу апа. Эмитен эмне кылам күйөөгө тийип, андан көрө келээрки жылы окууга барам, акем окутам деди.

- Мейли, садага кетейин, окусаң окуп ал, - деди кубана түшкөн Апал, - Өзүң деле жакшы окудуң эле, даярдана бер анда. Үй ичин өзүм жасасам, сыртты атаң карайт.

- Сиз ооруп калбаңыз апа, өзүм эле жасайм, жакшынакай болуп төрдө отурсаң болду, - Орозкан апасына эркелей кетти, - Оорубасы, апа. Денсоолугуңду кара.

Эне-бала сырдашып отурушту. Экөөнүн тең көз алдында ачка болуп, жарты нанды эки күнгө эптеп жеткирген күндөр тартыла ойлуу отуруп калышты. Ошондогу бир күн азыр Орозкандын эсинде: "Жарманы жасасам суюк болуп тузу да жок, же ун калбаптыр, нандын күкүмүн кошуп ийдим" деп апасына айтса, "кызым, мага караба, өзүң эптеп ичип ал, менин жүрөгүмө эчтеке деле баспай турат" деп бири бирин аяган эле. Эртеси азандан коңшусунун магазинине барып: "Эже, апам ооруп атат, бир аз ун берип коюңузчу. Жумушуңузду деле жасап берем" дегенде ал: "Силер алганыңарды бералбайсыңар, атаң ичип жүрсө.. Жумуш кылып берсең берейин, үйүмдү актап, пол жууп бер" деп эки кил ун берген эле. Ошонусу он күндөй жетти. Андан кийин күндө дүкөнүн жууп берип азык алып турду. Аны апасы көргөн да, билген да жок: "Эстебей эле койдумчу, баары өттү. Эми сураганга керек болсо биз беребиз. Бирок жумуш жасатпай эле адамгерчилик, кайрымдуулук кылып берем" деген ойго келип, эс ала түштү. Дүйнөсү түгөл болгон менен Апал Мыктарды ойлонуп жаны жай албайт. Эртели-кеч эшикке чыкса эки көзүн жолдон албай күтүп уулунун карааны көздөн учуп, убайымда. Кулмурза малын көнгүчө үйдөн карап, андан кийин : "Жер карада талаадан тойгузайын, чөптү үнөмдөбөсө болбойт" деп кайтарып кетет. Орозкан кийинки кездерде классташ кызына барып аны менен сүйлөшүп калат. Апал аны өз оюна койду: "Мейли, басса басып теңтуштары менен сүйлөшүп алаксысын" деп ойлонуп калат. Күздүн коңур, салкын абасы суук тартып эртели-кеч кыроо түшүп калган. Апал кызына базарга барып жакшы пальто менен өтүк алып берди. Башына норка тумак кийип алып көчө боюна чыга калса баягы дүкөндө иштеген коңшусунун аялы көрүп:

- Апи-ий ай, сен тим эле укмуш болуп кеткенсиң го, мынча дүнүйөнү кайда катып коюп анан суранып жүрдүңөр, ыя? - деп атайы кытмыр күлө сурап калды.

- Ой эже, катып коюп эмне, агаларым иштеп атышат, кудайга шүгүр, бизге окшоп кыйналгандар болбоптурбу?

- Деги да, мен үйдү актаганга киши таппай атам, сен актап бербейсиңби?

- Жо-ок эже, менин колум бошобойт, - Орозкан токтобой өтө бергенде:

- А-аа, азыр кардыңар тоюп калды да, ээ. Эшигиңердин алдында машина турат, киши болуп калыпсыңар, - деп чоюштап кала берди. Орозкан: "Ушундан ачка өлсөм да сурабай койсом эмне? Апамды гана аябадымбы, же туугандары карабаса" деп көңүлү кирдей түшүп, курбусун көздөй баратканда жанынан бир машина өтө берип токтоду да, Орозкандын жанына кайра жылып келип эки-үч бала чыга калып аны көтөрүп машинага салып жөнөштү. "Апа-аа!" деп чоочуй кыйкырган кызды эки жагынан баса отурушуп бакырып ырдаган өңчөй кызуу балдар дуулдатып кетип жатты:

- Түшүргүлө мени, кайда алпарасыңар?! - Орозкан тепкилеп бакыра берди.

- Кой, чоң кыз, сени бир жигит сүйүп калыптыр, кыздар ушинтип эле келин болушат! - деп бири айтты эле, калгандары каткырып калды.

- ооба десең, кыздар ушинтип келин болушат, апам деле бир кезде бирөөнүн кызы болчу, анан атам ала качып алган! - Ого бетер каткыра салонду жара күлүп атышты.

Көп өтпөй эле эл топтолуп турган үйдүн эшигине токтоору менен эле аялдар чуркурап келип Орозканды машинадан тартып түшүрүп ыйлаганына карабай үйгө алып жөнөштү:

- Отурбайм! Мени койо бергиле! Отурба-аайм!

- Айланайын десе, баарыбыз эле кыз болгонбуз, кыз тынаар жерине ыйлап барат деген ушул.

- Ооба десең, кыз байкуш ошентип эле ата-теги тааныбаган жерге барып бүлө болуп калат тура!

- Болбойм, мен бүлө болбойм! Койо бергиле!

- Ийе кокуй, кызды алып келген киши койо берчү беле? Элеп-желеп болуп "келин алам" деп отурган неме сени койо бербейт. Азыр эрге тийе албай канча кыз көчөдө жүрөт - сени жактырып кадыр-барктуу кылып ала качып отурат.

- Ала качпай эле койсун! Баары бир кетем!

Орозкан жулунуп, жоолугун алып ыргытып жанына эч кимди жолотпой жатканда сырттан улуу киши атасына киши жөнөттү. Ал машина менен барып көпкө кечикти. Анткени Кулмурзанын бир тууган иниси көптөн бери катташпай калган. Апал келгендерди жөнөтүп жиберип Кулмурза экөө кайниси Айтмырзаныкына барып келинин кызына жөнөттү. Айтмырза аялынын чууттугунан эле катташпай жүргөн. Апал киргенде ордунан тура калды кайниси:

- Оо жеңе, кел! Кайдан келе жатасыз?

- Эшикте агаң да бар. Жайчылык болсо караңгыда келмек белек, Орозканды Жумаалынын баласы алып кетиптир, жеңеси барбаса атасы экөөбүз барабызбы?!

- Сүйлөшкөн бекен?

- Кайдан сүйлөшөт, капысынан ала качыптыр, отурбай атыптыр. Мен ага кат жазып берем, жыйырмага чыгып калды эми, багын ачсын!

- Ооба, жеңе, кыздын тынып калганы жакшы да.

- Жалгыз кызым бата-куранга калып, каргыш алып калбасын, эртерээк барып отургузуп келгиле, машинени бирөөгө айдатып алгыла! - Апал аларга улуулук кылып буйрук кыла сүйлөдү. - Сенин бир тууганың, инилериңдин бири да жок, баары шаарда, тур эрте жөнөгүлө!

- Оңол, ээ Оңол!

Айтмырза сыртка карай үн салды. Аялы көп айылчылыгы кармап ошондо да коңшусунун аялы менен ушак айтып жүргөн эле. Күйөөсүнүн үнүн угуп жетип келип короонун оозунда турган машинаны көрүп: "Ким келип калды?" деп шашып кирип эле абысынын көрө:

- Келиңиз жеңе, тынччылыкпы? - дей салды.

- Орозканды ала качып кетишиптир, бол эрте барып отургузуп келели, - Айтмырза аны шаштырып сүйлөдү.

- Ким ала качыптыр? Каерге барабыз? Шашпай түшүндүрчү! - Оңолкан Апалга карады, - Отуруңуз жеңе, мындай отуруп жайыраак айтыңызчы?

- Жумаалынын баласына ала качышыптыр. "Отурбай атат" деп эки киши келген экен, саксаңдап өзүм жетип барбай силерге келдим. Акең эшикте машинада отурат, - Апал ага болгонун айтканда гана таарынып катышпай жүргөн Оңолкан абысынына ыраазы боло алдына дасторкон жайып:

- Эй кыз, чоң апаңа чай куйчу, мен кийине калайын, - деп улуу кызына карап кыйкырды, - Бол эрте!

Анан камынып чыгып Айтмырза менен Кулмурза учурашып, аларды Жумаалынын үйүнө жөнөтүп, күтүп калышты. Айтмырза коңшусунун баласына машинаны айдатып алып бат эле кирип барышты. Аларды көрүп: "Кудалар келди!" дешип дүргүп калышты. Оңолкан машинадан түшүп:

- Кана кыз уурдагандар, кызга алып баргыла! - дегенде аны аялдар кыз отурган үйгө алып киришти, - Бизди жалгыз койгула, мен кыз менен сүйлөшөм! - дегенде аялдар бир бирин карап жылып чыгып кетишти.

- Жеңе, мени биерге койбоңуз, алып кетиңиз! - Орозкан үнү бүтүп калганына карабай жеңесине жармашты, - Мен отурбайм!

- Отур, отура гой, жай сүйлөшөлүчү, - Оңолкан кызды акырын отургузду да, Апалдын катын берди. - Муну оку, өз тагдырың колуңда дечи, бирок ата-энени дагы сыйлаш керек, жаман жер эмес экен…

Орозкан катты көз жашын төгүп окуду: "Кагылайын кызым, жалгызсың, агаларың да алыста жүрөт. Кийинки тагдырыңды ойлон, каргышына кала көрбө. Өнгөн өскөн адамдарды, ата-энеңди сыйла, өзүңдү сыйла. "Отурган кыз орун табат" деген, биздин эл караган бетибизди жер каратпа. Апаң Апал" дегенди окуп солкулдап ыйлай отуруп калды, колундагы каты жерге түшүп калды. Аңгыча аялдар кирип келип жоошуп калган кыздын башына жоолук салып бапырап калышты. Андан кийин кызды калтырып, Оңолкан Кулмурза акесине келип:

- Кыз отурду, кимдер барат? - деди.

- Жаңылканды алып кел күйөөсү менен, анан биерден Топчубай абаны кошуп алгыла, - деп Кулмурза айтканда Айтмырза шашып чыгып кетти.

- Ырас болуптур, отурган кыз орун табат дейт, Жумаалы өнүп-өскөн кишилерден, балдары деле ары тур эмес, - Апал кубанып турду: "Көзүмдүн тирүүсүндө тынып калса болот эле" деп санаасы санга бөлүнүп жүргөн эне кызынын тагдырынан шек санаган жок.

- Эмнеси болсо да бактылуу болсо болду, кемпир. Агалары аны жер каратпайт, арка бел болот, - Кулмурза аялына кошулуп кызынын багын тилеп атты. Түнү менен дүр эткен машинанын үнү угулса чыга калып жол карап атып, таңга маал уктап кетишкен экен, коноктор бакылдап үйгө киргенде ойгонуп кетишип тура калышты. Келгендер агасынын адамча жашап калганына ичтеринен кубана төргө өтүштү. Карындашы Жаңылкан күйөөсү экөө алар менен жакшылап учурашып, ал-жай сурашкандан кийин Апал:

- Кандай барып келдиңер, кызым мага таарынган жокпу? - деп сурады.

- Ой жеңе, эне деген антпесе болбойт да, кыз ыйлап барат, күлүп да барчу беле? - Күйөө бала Тенти тамашалай күлдү, - кызыңыз кетип ичиңиз ачышып жатабы?

- Ачышпай анан, жалгызымдын жайын айткылачы деги?

- Абыдан жакшы жерге барды, кудай буйруса. Кыздын тынышын ойло, балам. Насиби түшкөн жерден өнүп-өсүп, очор-бачар болгону жакшы эмеспи, - деп Топчубай аксакал айтканда Апыл:

- Ошон үчүн кырк жылы кырылышсак дагы бир тууган эмеспи деп баланын үйүнө өзүм бардым. Аке. Мынакей иниңиз, балдар чоңойуп арагын койду, алар алдына машина алып келип беришти, кыз жаманы кыроо дегендей, кызымды жеңесине тапшырып отурам.

- Ырахмат айланайын, эстүү жансың. Кулмурза деле токтоло турган болуп калды. Тууган да колуңда болсо каралашат, катташат. Жаман тууган кадыры жок болуп, ызаат-сыйдан калат, балдарга ыракмат, атасын катарга кошуп кеткен, - деди Топчубай аксакал.

- Бактылуу болсун, жеңе. Мен деле эки агамдын ортосундагы жалгыз кызмын го? - Жаңылкан жеңесине күлө карады, - Буйруса күйөө баланы да көрдүк, мына жыйырма миң сом койду алдыга, кийитти да жакшы кийгизди.

- Силер көрүп, сыйына ыраазы болсоңор болду, кызым бактылуу болсун, - Апал аларга чай койду, кудалары салып берген кешикти да дасторконго коюп бакылдашып отурду. Алар ошентип отурганда ачуу басарына бир тай менен он миң сом, бир жашик арак, коробка конфет, печенье алып төрт киши келип калды. Кулмурза инисин ээрчитип чыгып короосунан кой кармап берди:

- Кудалар бата кылышсын, эртелеп сойо койолу, - деп үйгө баш бакты, - Кудалар, Топчубай аке, малга бата кылып коюп анан киргиле!

- Азыр, балам, - Топчубай аксакал ордунан обдула, - Бис-симилл-ла, жүргүлө, балдар, малга бата кылалы, - деп сыртка карай баштап чыкты.

- Оомийин аллаху акбар, кудайымдын жолуна! - деп колун бетине тийгизе бата кылышты, кыбыланы карай туруп алып.

Бакылдашып көпкө отурушту. Топчубай аксакал нускалуу кеп баштап келип:

- Балдар, илгери кызды кол менен берчү, мындай жол-белден ала качмай болчу эмес. Кыз бала он алтысында кара далы болуп калат деп онго чыкканда эле куда түшүп койчу. Он үч-он төртүндө алып кетчү.

- Он үч-он төртүндө азыр секелек эле болушат го, анан кантип келин болуп барчу болду экен? - Кудалардын бири күлүп калды.

- Андагы кыздар башкача болсо керек, азыр жыйырмага чыкса да жаш болушат.

- Андай эмес, андагы кыздарды энелери ошого даярдачу, онго чыккандан эле эми сен күйөөгө чыгасың, кишинин көзүнчө үйдөн чыкпа, жолго чыкпа дешип тыйып турчу, азыр окуп-чокуп отуздан ашканда күйөөгө чыгып атпайбы.

- Ошону айтсаңыз, кыздарга эки жакты көрсөтпөй эле үйдө камап анан күйөөгө бериш керек экен, - деп тамашалашып отурганда колго суу куюлуп, Айтмырза дасторконго табак менен эт көтөрүп кирди. Улуулата устукандар тартылып, кудаларын сыйлап атышты. Кулмурза арак ичкенден коркуп турду: "Ичип алсам дагы уят болом, кудайга шүгүр, баягы кезде кызым күйөөгө тийсе өлбөгөн төрт шыйрагым калмак экен. Анда мындай жакшы жер алат беле же…" деп өзүнчө эле элден окчундап атты.

- Келгиле кудалар, кыз-күйөөнүн бактысы үчүн алып койгула, - Айтмырза конокко сый көрсөтө стакан сунуп бакылдады эле бири:

- Куда келсин, кыз менен бала үчүн биз менен бир кагышып койсун, - деп калды.

- Кудаңар ичпей калган, аны кыйнабагыла, мына жеңем алат кызы үчүн, мен алам, - Жаңылкан аларга карап шакылдады, - жездеси, акеси турат!

- Туура, акем ичпейт, - деп кудаларга кайра-кайра арак шыкап коноктоп, бир сыйра кийит кийгизип, анан жөнөтүп коюп киришти. Апал, Жаңылкан менен кеңешип коңшуларын чакырып кешик ооз тийгизип чай беришти. Коңшулары тамшанып отурушту:

- Апал пейилинен тап дегидей жакшы аял да, мына эми минтип кызы жакшы жерге туш болду.

- Орозкан дагы жакшы кыз болгон, "энесин көрүп кызын ал" дегендей Апалдын жакшы экенин билип алып отурат да.

- Ой, Орозкан эстүү кыз, ушу Апал ооруп калганда былк этпей карады го чиркин, бактылуу болсун!

- Ооба, бактылуу болсун. Апал, кыз-күйөө менен уул-келиниңден ыраат-сый көр!

- Айтканыңар келсин, ак батаңар тийип кызым бактылуу болсо болду.

- Ырыстуу аял экенсиң, байкушум. Кулмурзадан жакшылык деле көргөн жоксуң, - деп бири айтканда Жаңылкан:

- "Аял жакшы, эр жакшы" деген, акем ичкени эле болбосо алтындай эле киши, ошол балдар акемден чыкпай кайдан чыкты дейсиңер! - деди аларды карай, - Бирөөнүн жаман жагын көрө калмай адатыңар калбайт дегеле?!

- Апий ботом, чындыгын айтып жатабыз. Апал жакшылыгынан гана чыдап, түтүп келди ушул Кулмурзага!

- Мейли эми кошуналар, кызыма ак батаңарды бергиле, кудай буйруса жеңетай тоюн бир күнү берем, азыр кешик ооз тийип тургула! - Апал аларга карай жылмая күлдү, - Жатындашын жатка, аталашын алтынга теңебейм деген бир туугандар да.

- Туура, бирөө жакшы тууганын бермек беле? - дешип анан үйлөрүнө жөнөштү.

Топчубай карыяны узатышты. Андан соң Айтмырза да үйүнө кетти. Оңолкан кыз-күйөөнүн сүйүнчүсүн алганга калып калган. Ал түш оой кызуу болуп келди, аны жеткирип келишти.

- Жеңе, кыздын эркек төрөгөнүнө кубанганымдан ичип алдым, ырахмат кызды тарбиялап өстүргөнүңө! - деп Апалды бекем кучактап алып өөп атты, - "Жыйырмага чыгып калды, эки-үч жылдан бери үйдө жүрөт" деп чочуладым эле, сенден коркконумдан барбадымбы!

- Оозуңа май! Душманга таба, тууганга күлкү болбой эркек тууп жакшы болуптур! - Апал абысынынын айтканына жини келсе да сөз менен чымчый өттү.

- Кудалар сүйүнчүсүнө миң сом берди, мына жеңе, кийит кийгизди!

- Буйрусун, бөлөк эмес өз жеңеси алсын, жалгыз кайынсиңдисинин ыраат-сыйын көрсүн деп силерге бардым да, улуу башымды кичик кылып.

- Жеңе, көрдүм ызаат-сыйын, кудайга шүгүр эле кылды, буларды керегиңизге жаратып алыңыз! - деп Оңолкан жоолукка түйүлгөн кийитти Апалдын алдына жылдырганда ал:

- Оңолкан, сени кызга жөнөтүп кийген кийимин чогултуп алайын деп ойлогон эмесмин, ал сеники, эмне болду сага? - Аны ачуусу келе карады.

- Жеңе, жөн эле, кийгизген кийимди сизге эле таштайын дегем, - Оңолкан мас болсо да жойпулана кетти, - Жөн эле айткам, - деп атканда Айтмырза кирип келди.

- Сага эмне болду ыя? Сыйды көтөрө албаганың жаман да ушу. Бас үйгө!

- Бала, отуруп чай ичсин, Оңолкан кызга барып көрбөсө билбейт да, билбегенинен айтып атат. Отургула чай-пай ичип, тууганча чайлашып анан кетесиңер, - Апал аны отургузду. Жаңылкан жеңесине жардам бере дасторконго тамак алып келип шорпо куйду:

- Кел жеңе, андан көрө Орозкандын күйөөсүн жууйлу, өзүбүзчө бир отуралы. Жеңем туура айтат, канчадан бери бир тууганча сырдаша элекпиз.

- Ошону айтсаң. Агаңар силер эмес мени киши катарына кошпой ушул үйдүн бир бурчунда Кулмурза качан мас болуп келип сабап кирет деп балдарымды канатыма калкалап жашадым го, тууганды эмес, баланы бала дебеген акеңер мына эми кудай ынсап берип адам болуп калды. Кызымды ошол кезде бирөө ала качса эмне болот элек? - Апал кайнисин карады. - Эки жыл балдардан дайын болбой, ооруп калдым, Орозкан байкушум жылбай бакты, бириң кабар алып койбодуңар, акең болсо көзү ачылбайт..

- Жеңе, кечирип кой. Акем ичсе бизге да асыла берет эмеспи, ошон үчүн келе албай эле… - Айтмырза эшикти карап агасы кирип келеби дегендей сактана сүйлөдү, - Мушташып отурбай алыс болоюн дедим да.

- Болуптур, бала. Инилериң келди, эки машинаны үйдүн алдына токтотуп коюп мал сатып алып айдап келишти, бизде жакшы айтаар өзүңөрдөн башка бар беле? Көрө албагандары канча болду, күйөөр тууганы элең, эмне бир басып келип кубанычыбызды бөлүшүп койбодуңар?

- Жеңе, биз уккан деле жокпуз, уксак келбейт белек? - Оңолкан туурадан чыкты.

- Балдарым байкуш атасынын ичкиликти таштаганына абдан кубанышты, кой эми, силерге таарыныч кылып отура берсем оокаттын баары калат, - Аларга карай шыбырап койду, - Кайра-кайра ичкенин айта берсек кайра ичип алабы деп чоочуп атам. Өзү да элден окчундап турчу болду, - деп үй ичин жыйганга киришти, - Эми Оңолкан, кыз экөөң келип эртерээк жууркан-төшөгүн тиге койолу. Көшөгөсүн алпарбасам болбойт.

- Ооба, эртелетип алпарбасак болбойт, жеңе. Баарын даярдап койсоңуз эле жасай койобуз, - Жаңылкан жеңесине карады, - Биерден тай пахта таба аласызбы?

- Шаарга эле барам, кийит-кечени, көшөгөлүк кездемени бүт ошояктан алып келем да.

- Жеңе, мен кошо барайын, кеңешип алып келебиз, - Оңолкан дароо оңоло калды, - Арзаныраак да алабыз. "Мадинада" аябай арзан.

- Экөөңдү тең алып алам, бириң жалгыз кайын сиңдим, бириң абысыным, мен кайра-кайра кайсы кызымды бермек элем, - Үчөө сүйлөшүп анан тарады.

Апал ошентип кийинки жумада шаарга бармак болушат да, өзүнчө кыялданып күйөөсү экөө кобурашып бактылуу жашоолорун өткөрө башташты. Кулмурза шаарга өзү алпармак болду. Жөнөөр түнү Жаңылкан менен Оңолкан келип камынып жатканда Мыктар келди. Аны көргөн Апал башына суу айлантып чачып, жан-алы калбай жалынып-жалбарып атты.

- Садага болоюн ай, аябай кыйналган экенсиң, жумуш таппасаң баса бербейт белең?

- Апа, Казакстанга барып же келе албай, же иштеген акымы алалбай зорго качып келдим.

- Айланайын кудай ай, качып баса бергениң жакшы болгон турбайбы?

- Апа, аябай оңолуптурсуңар го, атам ичпей калды беле? - Мыктар атасын карады, - Ичпесе атам сонун киши турбайбы? - Ал күлүп калды.

- Уулум, көп эле мени мазактай бербегиле, - Кулмурза да күлүп койду.

Апал менен Жаңылкан ага баарын түшүндүрдү. Эки агасынын улуусун ээрчип Россияга кеткенине кубанып: "Эми мен эч жакка барбайм, иштеп эмне кылам? Малдуу деги болуп калыптыр", деп ойлонуп алды. Мыктарды үйгө коюп Кулмурза үчөөнү отургузуп алып шаарга жөнөштү. Эрте чыкканга кеч жетип тааныштарын издеп түнөп алышты да, таң эрте толчокко барып алчусун алышты, андан кийин "Мадинага" барышты. Үч күнү керектүүлөрүн алып, Кулмурзалар кайра жолго чыгышты. Үйүнө келгенден кийин Жаңылкан машина тигип, Апал бычып, Оңолкан жууркан-төшөктөрүн каптап тез эле бүтүштү. Көшөгөсүн даярдап жарым себин алып барабыз деп айттырып да коюшту. Бараар күнү эрте союшун союп бышырып, өздөрүнүн машинасына килем менен шырдагын жүктөп кирип барышты. Кулмурза үйүндө эле калды. Апал өзүнө кошуп мындайыраак абысынын ээрчитип алды. Аларды бир топ эл күтүп турган экен. Жабалактап эле ар кимиси жүктөрдү көтөрүп үйгө киргизип калышты. Аялдар Апалдарды үйгө колтуктан ала жетелеп жөнөгөндө алдынан Орозкан жүгүрүп чыгып кучактап калды:

- Апа-аа! - деп ыйлап жатты ал, эчтеме дей албай ыйлай берди.

- Кой, кызым, ыйлаба. Кандай өзүң, жакшы жүрөсүңбү? - Эне кызынын бетинен өөп, чачынан сылап, - Ыйлаба, кызым. Ыйлаган болбойт, - деп токтоо үйгө киришти.

- Кудагый, кабатыр болбоңуз. Кыз энесин көргөндө ыйлайт да, ата-энеси көрбөгөн жерге келип бүлө болуп калыш оңой эмес.

- Ооба десең, бечара кыз, бөйтөңдөп көнүп калды кол бала болуп. Элпектигин айтасыңбы, кудагый, ушундай кызды тарбиялаганыңызга ыраазымын. Орозкан менин кызымдай эле, үч кызымдан кем көрбөйм, уулум үч кыздан кийинки жалгызым, - Жумаалынын аялы Токон кудагыйына чечилип ыраазылыгын айтып отурду, - Уулум Кеңешбек менен Орозкан бактылуу болуп жашап кетсе экөөбүз ошолордун ысык чайын ичсек жакшы эмеспи.

- Ананчы, ушу кызым бактылуу болуп кетсе менде не арман, кудагый? Кызымды өзүңө тапшырдым, муштабай куштап алаарсың, - Апал чын ниети менен айтып отурду.

Орозкан андан кийин жаркылдап эле кирип-чыгып атты. Жүк чечип, көшөгө тартып, сандык оодарып ырым-жырымын жасап Апалдын кызына алып келгенин айтып мактап жатышты. Бир сыйра чай ичкенден кийин Жумаалы:

- Кудагый, куданы чакыртып алалы, сыйыбызды көрсүн, алыс болсо бир жөн, - деди.

- Өзүңөр билгиле, - Апал сыпайы жооп берди.

Жумаалы эшикке чыгып балдарды машина менен жөнөттү. Аны алып келгенден кийин малга бата кылып конок каадасына өтүштү. Күйөө баланы алып киришти. Апал көрүндүккө беш жүз сом берип, күйөө баласын өөп:

- Бактылуу болгула, айланайындар, эми кызымдын тагдыры сенин колуңда! - деди жайланып отуруп жатып.

Кеңешбек дароо чыгып кетти. Куда-кудагыйларды сыйламай расмиси бүткөндөн кийин кийит кийгизип, бүчү боо алышып, келиндер собур кылып тамашалашып жатышты. Кулмурзага сүлөөсүн тебетей кийгизип, түлкүдөн тигилген ичик жапты. Апалга лама пальто, чоң жоолук, көлөч-маасы кийгизип кайра бир койду союп кешик кылып узатты. Апал өзү оор басырыктуу аял болгондуктан баарына тегиз, калыс болчу. Кудадан келген соң кайрадан тууган-уругун, коңшу-колоңуз чакырып кешик ооз тийгизди. Анын артынан туугандардын чогуусунда деп кызынын тоюн өткөрдү. Баягы ичип жүрүп алкаш атанган Кулмурзанын үйүндө күндө той болгону айыл ичине даңаза болуп, түгөнгүс жомок айтылып жатканда Достук апасынын паспорту менен алуу үчүн беш миң доллар салганы белгилүү болду. Чексиз бактылуу болуп кызынын жеңетайына атайы жеңеси менен эжесине беш миң сомдон берип, калган элдерге элүү сомдон таратты:

- Айланайындар. Орозканыма батаңарды берсеңер болду. Кызым агартып уул, кызартып кыз төрөп. Барган жеринен бак айтсын, - Апал алаканын жая элден бата тиледи:

- Орозкан бактылуу болсун, өмүрү узун болуп, очор-бачар, ордолуу шаар болуп отурган жеринен орун тапсын!

- Ылайым бак карап, кыдыр даарыган, кут орногон үйбүлөдөн болсун! - дешип кошуналары бата берип тарашты.

Ошол ак батанын баары Орозканга тийгенде ал канышадай жашамак беле, бирок тагдыр деген, пешене деген башка тура. Апал дал ошол кызынын тагдырынын башталышында эле приступ болуп кете берээрин кайдан билди: "Кызым эптеп тынып калса, уулдарым үйлөнсө, неберелерибизди эркелетип чалым экөөбүз төрдө отурсак" деп ырахаттана эс алганы жата кетти. Мыктар болсо келгенден бери атасына жардам берип мал карап жаны тынбайт. Балдары салган акчага айылдан жакшы салынган үй сатып алып коюшту. Калганына дагы мал алып, бакыбат жашоодо жашай беришти.

Эми Орозкан жөнүндө сөз баштайлы. Орозканды кайнене-кайнатасы өз кызындай эле өз оюна коюп, эрте жатып кеч турганына кайыл болуп күтүп алышты. Кеңешбек өтө эрке чоңоюп, кээде ичип келчү. Ата-энеси анын ичкенин көрүп: "Аял алып алаксып калса ичпей калаар, аялы жакшы чыкса адам болуп кетээр" дешип үйлөнтүшкөн. Бирок Кеңешбек ичкенин коймок турсун Орозкан келгенден эки айга чейин үйдөн чыкпай, ичпей жүрүп, кайра баштады. Эки күндүн биринде келбей калат. Сарсанаа болгон Токон менен Жумаалы аны келээри менен тосуп алып келинине угузбай урушуп-тилдеп калат:

- Ай бала, сен кайда жүрөсүң ыя? Жакшынакай аялың турат, үйгө келбей кайда тентип кеттиң?

- Тентиген деле жокмун, достор менен эле… - Кеңешбек бурк этип койду.

- Досторуң жакшы болсо сага ичирип жаткырып коймок беле? - Апасы ачуулана урушуп, - Кир үйгө, иштеген ишиң жок, аялыңды таштап коюп талаалап жүргөнүңдү токтот! - деп киргизип жиберди.

- Эмне келбей жүрөсүң? Эгер көңүлүң жок болсо мени албай эле койбойт белең? - деп Орозкан айтканда Кеңешбек:

- Сен эле калсаң да… сүйлөбөчү! - деп жатып алды.

Орозкан үн дебеди, бирок басып кетүүгө даабады: "Акыры баш ийбегенде кайда бармак эле?" деп ойлоп кайнене-кайнатасын сыйлап өз ишин жасап жүрө берди. Кеңешбек ошол күнү кечке жатып, кечинде кайра кетип калды. Эки-үч күн келбеди. Ата-энеси келинине күнөөлүү болуп, эчтеке дей алышпай өздөрүнчө күңкүлдөшүп калат.

- Бул бала минтип жүрсө аялдан жок, же баладан жок талаада калат го? - Токон кейий күйөөсүн карады, - Сенин кылганың. : "Эркине кой, жалгыз бала оюндагыдай өссүн" деп, мына эми оюндагыдай жашатып отура бер!

- Кайдан билдим мындай болоорун. Андан көрө жанагысынан алыстатып шаарга кетирип ийели, бөлүп койсок жашап кетээр..

- Ошондо эле балаң тыйылып калса жакшы го, Орозканды аяктан да кыйнап дагы бирөөнү таап алат.

- Койсоңчу, келин угуп калбасын, ирээнжип кетип калса ошондо шорубуз кайнап жүрбөйлү.

- Ошо шүмшүгүн эле алып берип койсок болмок экен.

- Аны кантип келин кылат элең, үч баласы менен?

- Балаң жакшы көрсө айлаң канча? Мына эми аялына карабай ошонун жанында эл караган бетибизди жер каратты го? - деп өздөрүнчө күңкүлдөшүп атып, акыры жатышты. Орозкан четин угуп калды: "Мунун мурун эле жүргөн аялы бар тура, шашпа, мен муну менен жашайм же биротоло кетем" деп ойлонуп калды.

Арадан бир жума өткөндө аябай мас болуп келди. Анын келгенине Орозкан көңүл буруп да койбоду. Көңүл бурбагандыгына жини келген Кеңешбек:

- Эй, сен эмне керсейесиң? Сен эле кыз тийсең да. Билсең менин үч балам бар, керек болсо көрсөтүп койом, - деп атканда Токон аны урушуп калды:

- Эмне деп эле калжаңдап жатасың, кир үйгө эс ал. Орозканга сүйлөбө! - деп жетелеп кирип кетти.

Орозкан ыйлап алды: "Сени эр кылам же биротоло жок кылам, төркүнүмө барып күйөөм мени карабайт, мени сүйбөйт деп айтмак белем?" деп ойлонду. Ал күнү Кеңешбек эч жакка кетпеди. Орозкан ага муз болуп эрибеди, мурункудай берилбеди. Ошентип жүрүп анын боюна болгонун билбей калды. Урушуп-талашып уулунун кылык-жоругуна кейип жүрүп Жумаалы өтүп кетти. Кыздары инисин тилдеп жатышты:

- Сен адам болсоң боло, атам сени ойлоп жүрүп өтүп кетти. Аялың төрөгөнү турат, апам деле карып калды. Эми ойлонсоң боло, жаштыгың деле калган жок.

- Апамды жакшы кара эми, жалгыз сенин айыңдан экөө тең оорукчан болуп, атам өлүп тынды. Эгер минте берсең биз сага бир тууган болбойбуз, - деп үчөө үч жактан тилдеп жатышты.

- Жок, эми ичпейм да, баспайм дагы.

- Эсиңе кел эми, отуз бешке чыкканча телтеңдедиң, жетишет.

- Болду деп атпайынбы, ичпейм дагы, кетпейм. Үйдөн чыкпайм! - Кеңешбек терс бурулуп кетти.

Аны азгырып кылыгы, жалган сүйүүсү менен имерип жүргөн Толкунду көз алдына келтире отуруп калды. Толкун ошол айылда жашаган үч балалуу жесир аял эле. Өзүнөн жети жаш улуу болчу. Ал Кеңешбекти армиядан келгенде эле өзүнө имерип алган. Суу көтөрүп келаткан Толкун солдат кийимчен жаш жигитти көрүп эле:

- Чоң жигит, солдаттан жаңы келсең керек? - деп токтой калып сурап койду. Көздөрү жалжылдаган отуздардагы келинди көрүп жаштыгы денесине батпай көөп турган жигит аны көрүп бура бастырбай чакасын ала коюп жанаша басты. Кеңешбек:

- Жаңы эле келдим, өзүңүз кайда турасыз? Акем көрсө сизди кызганбайбы? - Тамашага чала сүйлөдү.

- Акең тиги дүйнөдөгү сулуу кыздарды кызганып ошолорго кетип калган.

- Койчу, жеңе, ал жактагы сулуу кыздарга караганда сиздин сулуулугуңуз, жылуу койнуңуз жакшы эмеспи!

- Жок, ал мени кызганса жанымдан кетмек эмес, мени таштап кетип калбадыбы!

- Жаман болгон экен. Сизди кандай адам таштап кетсин, айла жок, алар чакырып кеткен тура, - деп анын үйүнүн жанына келип калганын сезбей калышты.

- Чоң жигит, үйгө келип калдык, даам сызып кетиңиз! - Толкун ага карап жылмайганда анын көздөрүндөгү жалын жигиттин жүрөгүн теше өрттөп кеткендей болду. Үйгө киргенде үч бала аларды тосуп алды. Бири ондо, кийинкиси беште, эң кичүүсү үч жашар балдарды өз бөлмөсүнө киргизип, Кеңешбекке дасторкон жайып үстүн жайнатып койду. Балдары буга көнгөнбү, кирген бойдон бөлмөсүнөн чыккан жок. Толкун кайкайган бир бөтөлкө винону алып келип ортого койду:

- Күйөөңүздүн сизди таштап кеткенине канча болду?

- Эки жыл болду, кичи уулум бир жашка чыга элек эле, кел эми жигит, таанышканыбыз үчүн алып койолу, - Толкун ага жоодурай карады.

- Макул, сиз менен таанышканыма кубанычтамын, сиздин, балдарыңыздын денсоолугу үчүн ичип койолу.

- Сиздин солдаттан келишиңиз үчүн! - Толкундун ар бир көз карашы жүрөгүнө кадала берди. Ал күнү Кеңешбек ошол жерде калып калды.

Келгенине үч күн болгондо эле үйгө түнөбөй калган уулун "достору менен жүргөндүр?" деп ойлогон ата-эне санаа тарткан жок. Бирок анын жоголгону көбөйө берди. Акыры элден угуп калышты:

- Ой бала, өзүң жаш болсоң жесир аялдын үстүнө кирип алганың бизди уят кылып атпайбы, андай болсо кыз таап үйлөн! - деди атасы.

- Аны албайм деле, үйлөнсө үйлөнөм да, - Кеңешбек өзү көп сүйлөбөгөн неме үйгө келгенде деле бурк этип эле койчу, азыр да ошентти, - Ошону алам деп атамбы?

- Албасаң да уят, аял ала элек жигит эри өлгөн жесир аялдын үйүндө жүргөнүң.

- Алып бербейсиңерби анан. Өзүңөр таба бергиле, мен ошого макулмун! - деп чыгып кетти.

- Эй бала, кайт артыңа, токто! - деген Жумаалы артынан чыгып жетпей калды.

Кеңешбек үйүнө такыр келбей койду. Жумаалы анын үйүнө атайын Токон экөө барып Толкунга жолугушту. Ал жерде Кеңешбек да отурган.

- Кызым, Кеңешбек биздин жалгыз уулубуз, сен аны менен жашай албайсың, биз сени кабыл ала албайбыз. Сени жесир аял дейт, уулумду бизге жибер, аны үйлөнтөбүз, - Токон ыйлап туруп айтты эле:

- Мен Кеңешбекти кармаган жокмун, ага тийем деген ойдон да алысмын, алып кете бериңиздер! - деп мисирейди.

- Силер эмнеге келдиңер, өзүм барат элем го, мен ушуну алам дедимби? - деп Кеңешбек ордунан туруп чыгып кетти.

- Экинчи азгырганыңды көрбөйүн, жаш баланы үйүңө оңой киргизип алам деп ойлодуңбу ыя? Жесир аял өзүңө теңди издеш керек, сен жаш балага тең эмессиң, каралуу аялсың! - Токон ошентти да, чалын ээрчитип чыгып кетти. Үйүнө келгенден кийин Кеңешбек өлөм деп чыкты.

- Силер аны алба десеңер мен өзүмдү өзүм алып алам, андан көрө Толкунду алып бергиле! - деди ал.

- Ыя кокуй, үч балалуу жесирди алганда биздин намыс кайда калат? Жалгыз уул жалаңкыч уул болдуң го, сенин жаныңдын амандыгын тилегиче акылыңды, багыңды тилесек болмок экен, - Токон ыйлап отурду.

- Тим кой алса алсын, үйгө алып келбей ошоякта жашай берсин! - Жумаалы ачуулана баласын карады, - Ошонуң үйгө басып келбесин!

- Келбейт, коркпогула, мен дагы келбейм, - Кеңешбек чыгып кетти.

Жумаалы үч кызын чакырып кеңешти, алар жесирди алганына каршы чыгышты. Акыры Кеңешбекти үйгө алып келип туугандары чогулуп ары айтып, бери айтып жатып акыры үйлөнүүгө көндүрүштү. Тигинин кызы жакшы, мунун кызы жакшы дешип ар кимиси өз билгендерин айтып бирок ылайыктуусун таппай жатып акыры Кулмурзанын жалгыз кызына келгенде Жумаалы:

- Туура, ошону алып келгиле. Апалды мен тааныйм, Кулмурзанын жиндилигине канча чыдаган аял. Кызы жалгыз деп уккам, "энесин көрүп кызын ал" деген, - деди эки жагын карана.

- Ырас эле, Кулмурза азыр аракты таштап, балдары алып берген машинаны чалкалай тээп жүрөт.

- Үй-жайын оңдоп киши болуп калыптыр деп атышат аны.

- "Аял жакшы, эр жакшы, увазир жакшы, хан жакшы" деп бекеринен айтылган эмес да, - дешип Кеңешбекке эки-үч жолдош баласын кошуп берип көрүп келүүгө жөнөтүштү. Ошол күнү Орозкан короосунун жанында курбу кызы менен турганын көрүп аны жактырып кетти. Арыдан-бери даярданып, анан аны ала качып алышкан эле…

Орозкан үчүн күйөөсүнүн үйгө бир күн түнөсө эки күн түнөбөй кетип калганы жинин келтирди. Кеңешбек менен дос болуп жүргөн Аттокур дегендин аялы Самара бир күнү ага келип сүйлөшүп отуруп калды. Орозкан төрөгөнү турган.

- Орозкан, - деди Самара, - Кеңешбекти экинчи Толкунга барбай турган кылбайлыбы?

- Эмне болсо ошо болсун, ошо жесир күйөбү же никелүү аялы күйөбү, акыры бир күнү түшүнөт да.

- Кызык экенсиң, андай болбойт. Андан көрө азыр сен өзүң чоочуп каласың. Төрөп алсаң анан ага көрсөтөбүз, - деп жылмайды Самара.

Ошентип сүйлөшүп экөө коштошуп, ал үйүнө кетти. Орозкан уул төрөдү. Кеңешбек ал күндөрү эч жакка кетпей байыр алып калды. Жаңы төрөлгөн баласына каралап, Орозканга жардам берип жүрдү. Токон ичинен кымыңдап кубанганын айтпа: "Кудай буйруса ушинтип аялына карап, баласын жакшы көрүп жылбай калса болду, анан эле биротоло көнүп калат" деп ойлой келинине ыраазы. Токон ошондо алтымыш сегиздеги кары кемпир, денсоолугу таза, уул-келинге күч бере турган убагы эле. Ал эшикте жүрсө бир өспүрүм келип Кеңешбекти сурады. Бүшүркөй караган эне ага:

- Кеңешбекти эмне кыласың? - деп сурады.

- Жөн эле, тэ-этиякта бир байке чакырып жатат! - деп көзүн ала качты. Аңгыча Кеңешбек чыга калды эле ал өспүрүм ага:

- Сизди чакырып атат! - деп туюгунан айта салды.

- Азыр, - Кеңешбек шаша Толкунга карап, - Сиз үйгө кире бериңизчи, апа, бул балада жумушум бар эле, - деди.

- Сүйлөшө бер, ботом. Мен эмне кылмак элем? - Токон ага моюн бербей тоокко жем чачмак болуп ары басты.

- Толкун эже жиберди, бир эле келип кетсин дейт, үч айдан бери келбей койду деп таарынып атат!

- Бара бер, Толкунга келем деди деп кой! - Кеңешбек аны жөнөтүп үйгө кирип кетти.

Алардын "Толкун" деп сүйлөшүп жаткандарын угуп, эненин жүрөгү ооруду. Кан басымы көтөрүлүп, заматта "башым" деп эле жатып калды. Коңшусу медик болчу, ал келип укол сайды, бир аз жатты, башын тумандаган ойлор оорутуп, кыздарын чакыртты. Кыздары жакын эле жерде турчу. Анын бир аз эс ала түшкөнүн көргөн Кеңешбек түнкү он экилерде жылт коюп жөнөй берди. Аны сезип, билип турса да Орозкан кайненесине каралап унчуккан жок. Уулу күлүшүп калган, жакында бешик алып келмек. Ал күнү түнү менен Толкундун кан басымы көтөрүлө берип, келини чекесине муздак суу басып карап, кайра баласын карап түнү бою уйку бетин көргөн жок. Эртеси ооруканага алып кетишти. Улуу кайнежеси келип Кеңешбекке барса жесир катын үйүнө киргизбей:

- Эмне, аны мен эмне кылам? Дагы бир жерде ичип жүргөндүр. Мен аны келсе да киргизбейм! - деп жолотпой койду.

- Уятың барбы деги? Сага Кеңешбек эр болуп бербейт, үй бузар шүмшүк, каралуу катынды жаш бала алат деп кайдан уктуң эле? Анын аялы, баласы бар, бузуку кара бет! - деп урушуп кайра келди. Ал келгенде Самара үйдө отурган. Ал Орозкан экөө атайын сүйлөшүп койду.

Орозкан баласын кайнежесине таштап:

- Эже, сиз отуруп туруңуз, мен апама тамак алпарып келе койойун. Сиз кетсеңиз бала менен баралбай калам, - деди.

- Мейли, барсаң барып кел, мен Эдилди карап турам, - деп ал макул болду эле, Орозкан тамагын көтөрүп чыгып кетти.

Ооруканага барып тамагын берип, кайненесинин ал-жайын сурагандан кийин Самара экөө Толкундун үйүн акмалап калышты. Мурунтан даярдап алган ак шейшептерди экөө тең оронуп алган, түн жаңыдан коюулуп, эл орунга отуруп калган убак. Босогодо Самара турган, ошол кезде Кеңешбек чыга калып ажаткананы карап басты эле ал жактан Орозкан ажатканага кирип кеткендей болуп ар жагына аппак шейшепти чубалта каалгый өтүп кетти. Кеңешбек чоочуп кетип арт жакка бурула бергенде босогодо турган Самара үйгө кирип бараткан болуп көрүндү. Ошондо кайра артын караса тигил ажатканадан чыга калды эле, жүгүрүп үйгө кирип баратканда кийиминен кармай?

- Кайда баратасың, эсиңе кел, өз үйүңө бар, бар, ба-ар! - Самара үнүн өзгөртө шыбыраганда ал чалынып-чулунуп үйгө кире качты. Самара менен Орозкан шейшептерин жыйып алды да, жолго түшүп кетип калышты. Ал жаңы эле кирип ыйлап аткан баласын эмизип атканда көздөрү алаңдай Кеңешбек кирип келди.

- Сага эмне болду? - Эжеси анын купкуу өңүн көрүп чоочуй сурады.

- Эчтеке, апам кана? - деп кайра сурай кетти.

- Апамды доктурга жаткырганбыз, - Орозкан анын түрүн көрүп күлкүсү келе жооп берип койду.

- Качан деп койот, сен деги ата-энеңдин баркын, аял менен баланын кадырын билесиңби ыя? Качан адам болосуң?

- Билгенде эмне кылайын, мен оорутуп атамбы?

- Ата арбакты нааразы кылган болбойт, сенин айыңдан атам санаасы тынбай кетти, карыганда апамды аясаң боло жок дегенде.

- Болду эми, - Кеңешбек ички бөлмөгө кирип кетти. Эжеси эч нерсеге түшүнгөн жок. Орозкан: "Дегеле ырас болот, жүрөгүң жарылып өлсөң болмок" деп табалап атты оюнда.

- Ороз, буга эмне болгон ыя? Күндүзү мен барганда Толкун келген док деген, ичип жүргөндүр дедим эле, соо эле окшойт. Өңү жаман болуп келди да, - деп эжеси кабатырланып атты.

- Билбейм, эже, азыр бир күн батырат, эки күн батырат, анан арагы менен тамагына ким чыдамак эле, иштеп таппаса?

Орозкан билмексен болуп отура берди.

- Туура, ким эле бирөөнү баккысы келсин. Ушул кезде нанга зар болгондор канча. Бул минтип жүрсө малдын аягына чыгып силер да кыйналасыңар го. Атам байкуш жер айдатып буудайды түшүрүп алчу эле.

Экөө кейип-кепчип отуруп кеч жатышты. Орозкан өзү баласы экөөнө төшөк салып, жатып алды. Кеңешбек менен анда-мында гана эрди-катындай болуп жатпаса, бир жылдан ашып баратат, бири бирине чоочун адамдай эле. Кеңешбек ал күнү да өзүнчө жаткан бойдон турду. Оозуна учук чыгып ооруп калыптыр. Боору ооруп, кабатырлана сураган эжесине оң жооп бербеди, анан апасына жөнөдү. Ал келгенде Токон оор абалда болчу, арыдан-бери эжелерин чогултту. Үч күндөн кийин апасы дагы дүйнө салды. Жалгыз уул Кеңешбек ыйлап-мыктап кыздары башында отуруп акыркы сапарга узатышты. Орозкан күйөөсү жөнүндө бир ооз апасына айткан эмес, ал эч нерсе билбейт. Кудагыйы өлгөндө бээ жетелеп келишти.

- Эми кудагый менен куданын ызаат-сыйын кылчу силерсиңер, экөө жыл айланбай кете беришти биринин артынан бири, өмүр жашын силерге берсин, - Апал аларга өз акыл-насаатын айтып отурду.

- Кудагый, Орозканды атам менен апам кызындай көрчү эле, кантели, айла жок экен, апам да кете берди. Ушул үй, дүнүйө, мал-келдин баары экөөнүкү. Биздин оокатыбыз өз-өзүбүзчө, - деп эжеси Кызылкүл ыйлап отуруп айтты.

- Ырас-ырас, кудача. Кайран кишилер десең, жакшы кишилер эле, - Апал кызына карады, - Балам, биз деле карып баратабыз, экөөң тең жалгызсыңар. Сенде ага бар, Кеңешбекте эже бар, жалгыз эмессиңер, бала-чакаңар үчүн эмитен кам көргүлө.

- Апа, бизден кам санабагыла, баары жакшы болот. Жашообуз ойдогудай, апам менен атам биздин чайыбызды ичпей кете бергени жаман болду, - деп Орозкан күйөөсүн аста карап койду. Кеңешбек өзүнүн жаңылыштыгын сезгендей үйдө байырлап калган. Жалгыз болуп ары-бери чайпалып жүрүп, малды караганды да жакшы билбейт эле. Эки жылкы, төрт уй, жыйырмадай койду карап тажап кеткендей болду. Жайкысын чөп чаап, эгин айдатып, жашылча өстүрүү ал үчүн кыйынга турду. Уулун көтөрүп Орозкан кошо жүрөт. Малын жазда жайлоого чыгарып, күздө короого кармай турган кез келгенде ал:

- Орозкан, мынча малды багыш оңой эмес экен, бир жылкыны саталы да, сен үйдөн соода кыл, качанкыга мал багып азап тарта беребиз? Дүкөн салып берем, - деди бир күнү.

- Малды сатпай эле койгонуң жакшы го, малдын зыяны деле тийбейт. Эл эмне дейт, ата-энесинин жыйганын уул-келини чачып атат дешет ко?

- Айтса айта берсин, үйдүн жанына заңгырата дүкөн салам дагы, соодага өтөм! - деп Кеңешбек тил албай эки жылкысын тең сатып дүкөн курду. Ичин толтурду, бирок улам бирден мал сата берип майда жандыктары эле калды. Ата-энесинин жылдыгын өткөрүштү.

Орозкандын уулу чоңоюп калды. Бешигин ырым-жырымы жок эле Апал баарына кайыл болуп алып келип берген. Дүкөндүн ачылышын Кеңешбек досторун чакырып өткөрүп койду. Жашоолору ойдогудай боло баштаганда Толкун Кеңешбекти кайра чакыртып алды. Үйдөгү түйшүк, дүкөндү кароо, кайра малга чөп салып сугаруунун баары өңүнө түшкөн Орозкан аябай кыйналды. Бир жумадай дагы келбей калганда Самараны чакыртып алып Орозкан ыйлап отурду:

- Самара, менин минтип эзилип жүргөнүмдү ата-энем да, агаларым да билбейт, эгер билсе биерге коймок эмес, айтчы деги, эми эмне кылам? Толкун бизге жашоо бербейт ко?

- Эч коркпо, курбум, аны эми эч жакка чыкпай турган кылабыз, - Самара эч ким укпасын дегендей шыбырай сүйлөдү, - Эртең эч кимге билгизбей балаңды менин балдарыма алып барып койобуз, күйөөм эртең үйдө болбойт, - деп Орозканды сооротту, - Сен эмне, ушунча чыдап бир жесирге баарын ээлетип койбогун.

- Башка ээлесе мейли, Толкунга ээлетпей калайын, - Орозкан курбусуна күлө карады, - Кеңешбекти бар кылам же жок кылам, үйдөгүлөрдүн бирине айтпай жүрүп жеңип чыгам.

- Азаматсың, досум. Сен өзү көтөрүмдүү жансың, дагы чыда, анын бир айласын табабыз, - Экөө кеңешип отуруп Самара кеч кетти.

Орозкан эртеңки күндү ойлонуп уулу менен жатып калды. Таң атпай дарбаза такылдаганынан чыга калса бир коңшусу туруптур.

- Келиңиз, жөн-жай элеби, түшүңүз, - деп Орозкан жүрөгү болк эте чоочуп алды.

- Өзүң элесиңби?

- Ооба.

- Анда… - тигил киши эки жагын карана эчтеке дей албай туруп калды.

- Эмне болду? - Орозкан аны корккондой элейе карап: "Кудай ай, тынччылык болсо экен, эмнеге сүйлөбөй калды?" деп ойлонуп чыйпылыктап ийди, - деги жөн эле келдиңиз беле? Айтыңызчы аке, апам-атамдар жакшы жүрөбү?

- Тынч эле, күйөөң менен сүйлөшөйүн дедим эле. Мейли анда, кире бер, - деп атынын башын буруп бастырып кетти.

Орозкан жүрөгү бир нерсени сезгендей кыжаалат болуп үйүнө кирди. Дагы ыйлап алды: "Ата-энем, агаларым аман болсо экен, Кудай ай. Эмнеге эле жүрөгүм ээлигет?" деп баласынын жанына жатып алды. Көзү илинип кеткен экен, эшиктен кобур-собурду угуп тура калып жүгүрүп чыкты. Коңшу турган аксакал карыя менен үч-төрт киши, Кеңешбек туруптур, аларды карап туруп калганда дарбазадан беш-алты аял кирип келди.

- Эмне болду, силер эмнеге келатасыңар? - деп чаңырып ийди Орозкан. Жете келген аялдар аны кармай калып:

- Айланайын, кайрат кылып, эсиңди жый, Россиядагы чоң агаң өтүп кетиптир! - дегенде бакырып, боздоп ыйлап кирди.

Аны сүйрөп үйгө киргизип, анан аны эс алдырып кийинтип алып жөнөштү. Кеңешбек менен кайнежелери дагы жетип келишкен экен. Чогуу барышты. Өкүрүп-өксөп кирген кызын көрүп Апал өзүн жоготуп койду. Достук Россияда иштеп жүрүп курулуштун краны көтөрүп бараткан бетон түшүп кетип мерт болуптур. Эки иниси аны эптеп алып келишиптир, Бишкекке келгенде гана үйлөрүнө кабар жөнөтүшкөндө туугандары чогулуп үй тигип күтүп атышыптыр. Түнү менен күтүп эртеси таң ата келип ызы-чуу болуп тосуп алышты. Алыстан өлүк алып келиш кыйын болуп, Өскөн менен Бектендин өңдөрү өчүп араң турушту. Ызы-чуу болуп жашикти ачып үйгө киргизгенден кийин гана атасы эки уулунан сурап отурду.

- Ата, - деди Өскөн, - дагы биз акча таап көз каранды болбой жүргөнүбүздөн гана алып келдик, болбосо канча кыргыз алып кете албай калып калат. Иштешкендерибиз жардам берип, самолет менен Бишкекке келип, андан биякка келдик.

- Олда кагылайындарым ай, быйыл келсем үйлөнөм дебеди беле, ой-тилегине жетпей калбадыбы, үү-үй каралдым ай! - Кулмурза кабыргасы кайыша ыйлап жатты. Апал менен Орозкан үйдө боздоп атты. Эки күндөн кийин аны жайына койгондон кийин үшкүрүнүп отуруп калышты. Кеңешбек Орозканга үйрүлүп түшүп, эч нерсе болбогондой кызмат кылып жүрдү. Баласын ала коюп:

- Өзүңдү карасаң, Ороз, кейибечи эми, - деп көзүнүн агы менен тең айланып Орозкандын жанына келип кеңешип-таңашып атты, - Көп эле кейибе, андан көрө кыркына биз бирди союп койолу.

- Аны көрөбүз, ансыз да бир бодо алып келебиз. Шашылыш келип калдык, үйгө барып дагы куран окутушубуз керек.

- Болду, мен сенин жаныңда болот. Уулум экөөңдү жакшылап өзүм карайм, - деп тим эле жагынып жатты. Орозкан ага ичи жылып: "Ушундайда көңүлүмдү көтөрүп жанымда болгону да канчалык канимет. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт дегендей, жаштык-мастык кылып жүрөт. Токтолоор, ачка калган жокмун, кийимим жыртык эмес, аял болуп болоор-болбосту көтөрө албасам анан менин аял, эне деген бийик ордум кайсы?" деп ойлонуп ыраазы болуп турду. Апал боздоп ыйлап жүрөгү ооруп улам эсинен танып калып атканда доктур чакыртышты. Ал өзүнө келип, калган балдарынын амандыгын тилеп өзүн сооротуп, оокатын кылып калганда Орозкан үйүнө кетти.

Алар үйүнө келээрде кайнежелери боорсогун жасап күтүп алышты. Дароо эле коңшу-колоңу кирип куран окутуп жатышты. Кеңешбекти ортого алып дагы тилдешти:

- Дагы баарын көтөрүп жүргөн Орозканга ыракмат, башка аял болсо сенин азабыңды колго берип, же болбосо алда качан кетип калмак.

- Жакшы аялдын кадырын билбесең кусуруна каласың, дагы кеч боло электе эсиңе кел, минтип агасы өлүп жүрөгү ооруп турганда жалгыз таштап кетпе, - деп үчөө үч жактан акыл айтып атты.

Орозкан агасынын күйүтүнөн бир топ азып кетти. Эки күндүн биринде төркүнүнө барып апасынын абалын көрүп кайтат. Кеңешбек үйдө баласын карап калган эле ошол күнү. Орозкан Толкундун өзүн таанычу эмес, атын эле билчү. Эшиктен кирип келатып үйдөн кобурашкан үндү угуп: "Куран окуткан бирөөлөр келген го" деп жаман ойлобой эле кирип келатып: "Сен эмнеге алдайсың, аялыңды кетирем, эми эч ким жолтоо болбойт дебедиң беле?" дегенде : "Күтө турсаң эми, ушунча күтүп азы калганда чыдай албай эмне болуп атасың, бар кет, келээр убактысы болуп калды" деп Кеңешбек ага сөгүнүп кирди. "Чыдайын, эгер дагы алдап аялың менен жашап кала турган болсоң аны мен өзүм эле өлтүрөм. Сенин колуң барбаса мен өз бактым үчүн күрөшөм!" деп чыгып келатканда Орозкан оозгу бөлмөгө бекинип калды. Кеңешбек үндөбөй кала берди. Жүрөгү лакылдап, мууну калчылдаганын токтоткуча өзүн кармап тура берди: "Демек булар мени өлтүрүп эркин жашамак экен го. Акыры бир күнү жалгыз калганымда соо койбойт" деп ойлонуп өзүнө келип алып, анан кирди. Күйөөсү эч нерсе болбогондой уулун алып отурган экен.

- Бала ыйлаган жокпу? - Орозкан эч нерсе билбегендей аны карап уулун эңкейип өөп койду.

- Жок, ыйлаган деле жок, атасынын колунда турганда сенин керегиң деле жок экен, - күлүп койду ал.

- Анда балаңды алып кал, мен биротоло ата-энемдикине кетейин, ансыз да апаман санаам тынбай атат.

- Биротоло дейсиңби? - Кеңешбек ойлоно калды, - Апам жакшы болгучакты карасаң карап тур анда.

- Сен бала менен кыйналбайсыңбы? - Орозкан аны сынай карады.

- Эмнеге кыйналмак элем? Уулумдун өзүмө көнө бергени жакшы да, - ал байкабай өз оюн айтып алды.

- Өзүңө көндүрүп эмне кыласың? Же Толкунга ала кетейин деп жаттың беле? - Орозкан ага кыжыры келгендей кытмыр күлө сурап калды.

- Жок, ага барбайм дедим го. Анын эмне кереги бар, уулум менен сен турганда анын эмне кереги бар? - Кеңешбек уулунун колдорун кармалай кайсактай кетти.

- Билбейм, эми барбайм деп эле кетип калып жоголосуң го. Аны сен аябай катуу сүйөт окшойсуң ээ, Кеңешбек? Эгер сенин көңүлүң менде жок болсо ачык эле сүйлөшпөйлүбү? Сенин мына бул үнүйө мүлкүңдүн мага кереги да жок, чыныңды айт!

- Эмне деп атасың, Орозкан? Мени кечирип койчу эми, жаштык кылдымбы же жамандыгымбы, терс жолдо жүрүп тажадым. Эми кудай деп уулум экөөңөрдүн маңдайыңарда болот.

- Мейли, өзүң бил. Бирок "ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" деген сөз бар, арам оюң болсо жашырба, дагы сурайм, жашырба, Кеңешбек.

- Сен эмне болуп атасың, Орозкан? Андан көрө атамдар жакшы жүрөбү, апам оорубай эле жүрөбү? - деп жасакерлене кетти.

- Эчтеке болгон жок, - Орозкан андан ары үндөбөй калды, баары бир анын ачык сүйлөшүүгө келбесин сезди: "Бул мени балким түндөсү өлтүргөнү жүргөндүр же ичкен тамагыма бирдеме кошушу мүмкүн" деп ойлоп жатып Толкундун: "Сенин колуңдан келбесе мен өзүм өлтүрөм" дегенин эстеп бүткөн бою дүр этип алды. Түнү бою уйкусу качып күйөөсүнүн балык эткенинен күмөн санап жата берди. Эртеси эрте ойгонуп ар бир кыймылынан күмөн санап ичкенин да өзү куюп ичип сактанып калды. Кеңешбек да үйдөн чыкпай калды. Айласын таппай кирип-чыгып кыжаалат болуп жатканда Самара келди, аны көргөн Орозкан кубанып кетти.

- Ырас келбедиңби, өзүм сага жеталбай аттым эле, - Көрүп эле ошенткенде ал күлүп калды:

- Эмне болду анчалык?

- Жөн эле, сүйлөшүп отурганга… - Орозкан күйөөсүнүн үйдөн чыгып келатканын көрүп сөзүнүн аягына чыгалбай калды.

- Мен дагы эрмектешейин деп эле келип калдым. Кандайсың аяш, сен үйдө белең? - Самара ага атайы тийише сүйлөдү.

- Ооба, үйдөмүн, - Кеңешбек ага жылмая жооп берди, - Дос кайда?

- Ал жүрөт, күндүзү талааныкы, түндөсү меники.

- Азамат аяш, досум сени издебей тапкан да, - Кеңешбек ага тамашалап сүйлөп калды.

- Ал мени эмес, мен аны тапкамын, - деп Самара да жөн калбай тамашалады, - Эркек аялды көп эле табат, аял эркекти тапса жакшыраак болот. Эч жакка чыгарбай чүлүктөп алат, уктуңбу, аяш?!

- Ооба-ооба, аялдар ошондойсуңар өзү, - деп тамашалашып үйгө киришти. Ортолоруна дасторкон жайып Самара ала келген ак моюндан куюп ичип көпкө отурушту. Алар антип отурганда Кеңешбек акырын сыртка чыгып кетти эле, Орозкан анын артынан чыгып дарбазадан чыгаары менен кайра кирди да, уккан-көргөнүн Самарага шашып айтып кирди. Анын айткандарын укканда Самара минтти?

- Апе-ей шүмшүктөр десе, андай болсо этиет бол. Өзүңө сак болбосоң болбойт. Карасаң дегеле үйгө чейин келгенин. Эгер сенин ордуңда мен болсом анын шермендесин чыгарып тепкилеп койо бермекмин, - Самара угуп алып ага жинденип айтты.

- Мен жалгыз коркподумбу, экөөлөп өлтүрүп коюшу мүмкүн болчу, - деди Орозкан.

- Чын эле жалгыз алың жетмек эмес, сактанып жүр. Баса, кел экөөбүз алардан мурун озунуп бирдеме кылабыз.

- Кантип? - Орозкан сыртка кулак түрө Самараны карады, - Кантсек болот деги, же ушулар менен талашпай кете берсем бекен?

- Кетип эмне, ушунча азап-тозогуна чыдап келип, бышкан этке тиги катынды ээ кылып кете бермек белең?

- Анда кандай кылайын? Айтчы деги, айлам кетип калды, - деп Орозкан ыйламсырап ийди, - Түндө кирпик ирмебей таң атырдым.

- Коркпо, бүгүн аяшың экөөбүз сага көңүл айтканы келдик деп түнү менен отурабыз.

- Ой ал азыр анысына кетти, эми көрөсүң, бир-эки жума жалгыз калам, ошондо жаш балам менен коркот экенсиң киши.

- Коркпой анан, коркосуң да тигинтип атса. Аттокурга айтып бүгүн сөзсүз бир балээ ойлоп табышыбыз керек.

- Ал көнбөй койсочу? Эркектер деген бири бирине тартышат да.

- Аттокур андай эмес. Ал сага ыраазы болуп жүрөт. Кеңешбекти ал турсун шатырата сөгүп, "адам эмессиң" деп дайыма айтат. Сен аны көрө элексиң да сөккөнүн.

- Жо-ок, Аттокур менен сый гана учурашканым болбосо, андай сөздү сүйлөгөнүн уга элекмин. Ойлосоң, тоодой-таштай кайнене, кайнатамдар турса аяштар менен деле боло элекмин да.

- Байкуш десең, сага кудай берет эй, ушунча жылдан бери эр сөрөйүңдүн басынтканына чыдап.

- Чыдабаганда эмне кылам, Самара? Өз тагдырымды өзүм чечем деп ата-энеме бирин да билдирген жокмун, - Орозкан болгон ич күптүсүн теңтуш катары аяшына төгүп алды. Кеч кирип көз байланганда Самара:

- Ай, аның чындап эле кетип калыптыр. Сен мал-салыңды жайла, мен балаңды алып турайын. Анан мени менен кетип кал, - деди эле Орозкан макул болду.

Мал-салын жайлап, короосуна кулпу салып, дарбазасын бекитти да, анын үйүнө кетти. Алар келсе Аттокур үйүндө экен. Самара болгон кепти ага айтып түшүндүрдү да, үчөө кеңешип кирди. Ошентип түн катып үчөө анын үйүнө келип, Аттокур менен Самара бир бөлмөгө жатмак болушту. Эмнеси болсо да "бир ай сени кайтарабыз" дешип сүйлөшкөн. Кеңешбек келген жок. Эки жумадай түн катып келип жүрүп Аттокур менен Самара тажашты. Бирөөнүн үйү бирөөнүкү да:

- Орозкан, балдар да кыйналып кетти, эртеңден ары өзүң эптеп жатып тур, кабар алып турабыз, - деди Аттокур.

- Мейли, силерге ырахмат. Өлчү жанды сандыкка салып деле сактай албайсың. "Башка келсе байтал жорго" деген эмеспи, көрөөрмүн кудайдын салганын, - Орозкан ошентип аларды узатып үйгө кирээри менен узун сөлөкөт артынан келатканын байкай коюп бакырып ийди:

- Жарда-ам! Жардам бергиле-е! - деп үнү буула калтырай туруп калганда ал караан Кеңешбек экен:

- Орозкан, сага эмне болду? Мен элемин, - деп жетип аны кармай калды.

- Сен эмне түн катып жүрөсүң? - Калтыраганы басылбай Орозкан зорго ушинтти.

- Жөн эле, келбейинби үйгө, - деп үйгө кирип кетти.

"Бул соо келген жок, бүгүн түнү мени жайлап коюшу мүмкүн" деп ойлонуп, Орозкан таң кылайып жарык киргиче сыртта басып жүрө берди. Аңгыча жерге толук жарык кирип, элдин кыймылы башталганда үйгө кирсе күйөөсү жатып уктап калыптыр. Уулунун жанында жатканына кыжыры кайнап кетти, бирок унчукпады: "Канчага чейин чыдаар экен, эчтеке дебей эле койойун, баары бир сыр ачылаарына аз калды" деп ойлоп бети-колун жууп чай койду. Өзү ойгонгон Кеңешбек чыгып жуунуп келди да, үй жыйнап жаткан аялын артынан кучактайын деп келатканда ал бакырып жиберди.

- Орозкан, сен мени көргөндө мынча эмне коркуп калгансың? - деди ал аны таңдана карап.

- Эрим туруп жалгыз жашасам, кетейин деп элден уялам, анан эриңен чоочун болуп калат экенсиң да?

- Койчу эми, Ороз, кечирип койчу, мен… - деп келатканда Орозкан аны кагып жиберди:

- "Эми эч жакка кетпейм, уулум экөөңдүн жаныңда болом"… анан.. анан дагы эмне деген убада бергиң келип атат? Мындай убаданы Толкунга бер, мен тажадым, ал турган сенин атыңды укканда жүрөгүм түшчү болду!

- Эмнеге? Мен киши өлтүргүч эмесмин го?

- Балким эми өлтүрөсүң, жаңыдан үйрөнгөнү атасыңбы, ким билет? - Көздөрүн алайта колдону калчылдай үнүнүн болушунча бакырганда сырттан Самара кирип келди.

- ой силерге эмне болду?

- Спектакль аткарып атабыз, жакында аткарган ролдорубуз ачыкка чыгат! - Орозкан дале ачуусу таркабай үнүн катуу чыгарып айтканда Кеңешбек жаман абалда калгандай:

- Самара, айтчы, мен кантип эле Орозканды, ушул баламдын апасын өлтүрмөк элем? Түндө келсем бакырып ийди, ошондон бери ушинтип атат, мындай эмес эле го? - деп актанып кирди.

- Кеңешбек, жаш бала менен жалгыз калса, эри жок аялдай эрбең-сербең этип коркот да, сен болсо такыр уялбайт экенсиң, өзүң тирүү туруп аялыңды эри жок аялдай жалгызсыратып, тирүү жесир болуп отурса коркот да!

- Койсоңорчу, мен баарын ойлонуп бүттүм, мындан ары эч жакка кетпейм. Айтчы, Самара, Орозкан мени эриндей кабыл албайт, ар качан чоочундай болуп турат.

- Өзүң талаалап, бир жесирдин артынан түшүп жүрсөң кантип берилет? Жашында эрге тийип, эр кадырын билбесе анан кантет, Кеңешбек?

- Ой ушу аялдар укмушсуңар эй, эгер мен муну карабасам анда баланы кимден төрөдү, айтсаң Самара? Анда менден чоочун болсо баланын атасы ким?

- Сен эмне, атайын уруш чыгарганы келдиңби? Баланын атасы ким экенин билбейсиңби? - Орозкан ого бетер ачуулана кыйкырып атты. Анын чыдамы кетип, жаштыгы бир аялдын алдында басынып жүргөнүнө ызаланып жүргөн эле. Канчалык өзүн кармайын деп ойлосо да токтоно албай сүйлөп алып кайра ички сезиминен: "Кой Орозкан, өзүңдү карма, саргара жортсоң кызара бөртөсүң дегендей, чыдай тур. Баары ордуна келет" деген туюм аны токтотту.

- Кой эми, Орозкан, токтоолугуң кана? Өзүңдү кармачы, эгер Кеңешбек айтканына турбаса ит болот, катын болот, - Самара аны кайрылып карап, - Ушундайбы, Кеңешбек? "Айтканыма турбасам ит болоюн, катын болоюн" дечи?

- Эмнеге? Катын-патын болбой эле эч жакка барбай тынч жашасам болобу?

- Анда сен сөзүңө туралбайсың, убадаңды аткара албайсың! - Самара аны демитип кирди, - Бол, эркек болсоң "Сөзүмө турбасам катын болоюн" де!

- Жо-ок, мен эч кандай "катын болом" деп айталбайм. Бирок сөзүмө эркекче турам, - Кеңешбек анын сөзүн уккусу келбей ары-бери баса берди, - аял деген эркекти имерет да, бул мени суз тосуп алат, келгеним-келбегеним буга баары бир, анан кетесиң да…

- Аялды эркек өзү тартыш керек. Сен муну кыз убагында алдың, эчтеке билбейт. А сенин Толкунуң канчаны көргөн неме, сени жалбырып имерип атат да, ээ? - Самара колун шилтей сыртка карай басты, - Сени менен сүйлөшүп болбойт экен. Орозкан, төркүндөрүңдү чакыр да, муну менен ары же бери бол! - деди Самара Орозканга бир көзүн кыса.

- Ооба, ошентпесем болбойт, керек болсо бул үйдү, малды да сотко берип бөлүшөм, бала үчүн менин акым бар!

- Эмне-е? Кайсы акыңды айтасың ыя? Төрөгөн балаңда күмөнүм бар керек болсо, мен сага эч нерсе ээ кылбайм! - деп Кеңешбек сыртка чыгып кеткенде Орозкан:

- Көрдүңбү, Самара, мунун оюнун баары арам, эми бул бүгүн бирдеменин ичинен чыгат. Андан көрө сен досторун бүт чогултуп келсин, Аттокурга айт, менин туулган күнүм деп үйдө отуралы, сөзсүз булар келет.

- Мейли, мен Аттокурду айтайын, - деп Самара чыгып баратканда Орозкан:

- Бирөөсүн аялы менен эртерээк ээрчитип келип кал, бир козуну сойобуз да отурабыз! - деди жини келгендей.

- Болуптур, - Самара тездей басып чыгып кетти.

Орозкан тышка чыгып малын карап, сойчу козунун ылайыгын тандап, анан "ушу болот" деп көзү менен тандап койду да, үйгө кирди. Дасторконго койчуларын даярдап, дүкөндөгү болгон товарынан керектүүлөрүн алып чыгып үйүнө конок келчүдөй даярданып жатты. Түш оой экөө-үчөө келип калышты. Дароо эле козуну союп, куурдагын жасап, этти казанга салып, андан кийин үйгө кирип отурушту башташты. Аттокур иштин чоо-жайын түшүндүрүп өттү:

- Кыскасы, биз теңтушпуз. Теңтуштук парзыбызды аткарып, досубузду намыстантып өз үйүнө кайтарышыбыз керек!

- Туура, Кеңешбекти өз жолуна салбасак болбойт, ал туура эмес иш жасап жатат.

- Ой, ал катын аны төрт бүктөп төшөк салып, алдына таттуулап тамагын коюп, аялдын болгон сүйүүсүн тартуулап аны биротоло имерип алган да?

- Эмне, Орозкан Толкундан кемби? Жаш, сулуу десе сулуу! Өзүнүн башы жок да! - дешип көпкө чейин чуулдап отурушту.

- Балдар! - деди Орозкан, Мен анын кеткенине же келгенине кош көңүл болуп калдым. Эми силерден бир өтүнүчүм, түнкү саат бирге чейин шарактап ичип-жеп, өзүңөрдүн да, менин да көңүлүмдү көтөргүлө, андан кийин үн-сөзү жок бир бөлмөгө кирип жаткыла. Эгер бүгүн келбесе анда мен силерди башка убара кылбайм! - деди.

- Ой аяш, аял аттуунун баары сендей акылдуу, көтөрүмдүү болсо, Кеңешбек айбан сенин кадырыңды билбей жатпайбы. Сөзсүз ошондой болот! - дешип анын айтканына макул болуп ырдап, бийлеп жатышты.

Орозкан Эдилди бешикке бөлөп коюп теңтуш келиндер менен черин жазып көңүлдүү отурду. Жаңы күүгүм кирип тост сүйлөп шарактап отурушканда акырын баш багып Кеңешбек кирди, аны көрүп достору бир саамга үнсүз туруп калышканда ал:

- Келгиле достор, эмне унчукпай калдыңар? Аяшыңардын көңүлүн мен жокто көтөрүп жатканыңарга ырахмат, кана уланта бергиле! - деп отура кетти.

- Сен болбосоң аяш бар, аяш балабыз бар, бүгүн Орозкандын туулган күнү экен, куттуктап келип калдык.

- А сен өзүң кайда жүрөсүң, дос? Бүгүн Толкун үйүнө башка конок чакырат бекен, сен үйгө келип калыпсың?

- Анын расписаниеси бар да, бир күнү Кеңешбек, бир дагы бирөө, энесин урайын ошол шуркуянын! - деп бири сөгүнгөндө Кеңешбек ага ачуулана:

- Эй дос, бирөөнү эмне кыласың, шуркуябы, сойкубу. Ал керек болсо эркектердин көбү жетпей жүргөн аял, чындай келсе силер деле жеталбай күйүп жүргөндүрсүңөр? - дегенде Аттокур:

- Кеңешбек, мындай куттуу үйүңдө, ак никелүү аялың, ак никеден төрөлгөн балаңдын турган жеринде аныңды айна жеткире мактаганыңды токтот! - деди.

- ооба десең, айылга белгилүү шуркуяны тим эле Айчүрөк кылып ийбей, - дешип келиндер дагы туурадан чыкты.

Орозкан Кеңешбек кирээри менен сыртка чыгып кеткенин эч кимиси байкабай калышты. Ал чыга калса босогодо Толкун турган экен, Орозкан сүйлөшмөк болуп келатканда эле анын оозун баса экөө жулмалашып калышты.

Аңгыча Самара:

- Орозкан кайда кетти ыя? Мен карайынчы, - тура калып сыртка чыгып, анан бакырып ийди, - Балда-ар, баскыла! - деп Орозканды муунта кармап оозун тумчуктура бекем кысып алган Толкунду чаап-чаап жиберди, - Ой жалап десе, сен эмнеге келдиң, бетпак?!

Чыга калган балдар жабыла Толкундун колунан Орозканды бошотуп үйгө алып кирип кетишти. Самара менен дагы эки келин Толкунду жулмалап сабап, эшиктен чыгарып коюп үйгө кирсе Орозкандын өңү көкмөк болуп кетиптир. Кеңешбек болсо эмне кылаарын билбей бир аз туруп чыгып кетти. Эс алгандан кийин Орозкан ыйлап:

- Мына көрдүңөрбү, мен ушуну билгем, экөөлөп мени жок кылганы келген. Ою орундалбай калганга ызасын менден чыгарууга аргасыз болду.

- Коркпо, Орозкан, жанагы акмакты карасаң, анын артынан кетип калганын.

- Ал ансыз жашай албайт, эжелерин чакырайын да, мен кетейин, антпесем булардын колунан өлүп калышым мүмкүн!

- Биз турбайбызбы, ушул жолу эч кимге айтпай тур. Эгер дагы бир жолу аны кайтара албасак анда сен өзүң билгендей кыл, - дешип аны сооротуп, көңүлүн алып көпкө отурушту.

Алар антип отурганда Мыктар келип калды. Аны көрүп Орозкан ыйлап ийе жаздап өзүн кармап:

- Келиңиз, аке, үйдөгүлөр жакшы жатабы? - деп күлө багып тосуп алды.

- Жакшы эле, сенден кабар алып келчи деп апам жиберген.

- Мен жакшы эле жүрөм, Кеңешбектин достору келиптир…

- А-аа, мейли анда, мен кеттим, - Мыктар карындашынын "тамак ич, отур" дегенине карабай нан ооз тийип чыгып кетти. Биердегилер сүйлөшүп алып кечинде Толкундун үйүнө бармак болушту. Орозканды киргизип, калганы сыртта карап турмак. Алар болжошуп алып, Орозканды үйгө киргизип, дагы бир коңшусун күбө катары чакырып алышты. Орозкан кирип келсе диванда экөө эзилишип отурган экен.

- Кеңешбек, бас үйгө, эжем чакырып жатат, - Ал кирип эле ушинткенде Толкун тура калып:

- Кеңешбек барбайт, сени көрөйүн деген көзү жок, ошондуктан сен кете берсең болот. Сен өзүңдүн салынды катын экениңди али биле элексиңби? - деп шылдыңдай каткырды.

- Мен никелүү аялмын, ал эми сен шуркуя сен бузукусуң, Кеңешбек экөөбүздүн балабыз бар!

- Тапкан экенсиң. Ал мунун баласы эмес, үч жылдан бери сени менен эмес, мени менен жашап жатса кайдагы бала? Азыр чыгып кет үйүмдөн! - Толкун ордунан тура калмак болгондо аны Кеңешбек кармай калды:

- Болду, урушпагыла. Мен барып кайра келем, - деди да Орозканды карыдан ала сыртка жетелеп баратканда ал:

- Сен эми муну көрбөйсүң, биздин ортодо ак нике бар, сен салынды акыры ушинтип калмаксың! - деп Орозкан кайрыла бергенде аны Толкун столдун үстүндө жаткан бычак менен сайып жибермек болуп келатканда Кеңешбек кармай калды:

- Чык, эшикке чык деп атам! - деп Орозканга кыйкырып ийди.

Орозкан коркуп кетип жүгүрүп чыкканда сырттагылар аны тегеректеп калды да, чогуу кирип барышты:

- Үй бузаар шуркуя, азыр Кеңешбекти бизге кошуп бербесең милиция алып келип каматабыз! Бузукуларга да мыйзам бар!

- Мындайды өрттөп жибериш керек!

- Тирүүлөй таш бараңга алыш керек! - дешип ажылдаганда Толкун үндөбөй отуруп ыйлап калды.

Кеңешбек үйдөн чыгып алар менен жөнөдү. Түндөп эки эжесин чакыртып келишти да:

- Эже, бир тууган сиздики. Биздин жолдош бала, ошон үчүн үйбүлөсүн карасын деп ушуну кылдык. Бу кандай сөздү укпайт? Болбосо Орозкандын башын ачып кетирели да, Толкунду алып берели, - Аттокур сөз баштап жанындагыларды карады, - туурабы?

- Ооба, эң туура! Бу да бирөөнүн баласы. "Тууган күйгүзүп айтат, душман сүйгүзүп айтат" деп канча айттык. Өткөндө түндөсү келип муну өлтүрүп койо жаздады тигиниси, - дешип, эжелерине ошол түнкү көргөн-билгендеринин баарын айтып беришти.

- Кана, Кеңешбек, ушунун баары чын болсо Орозкандын төркүндөрүн чакырып, элдик сот менен мунун колунда баласы бар, үч жылдан берки эмгеги бар, чечип кетирели, - деди эжеси Уларкан.

- Жок, эже, мен эми жылбайм. Дагы бир жолу ишенип койгула, баламды кетирбейм.

- Эмне, Орозканды кетирип, баласын алып калалыбы, Толкун багабы? - Уларкан инисин сынай карады.

- Жок дебатпайынбы, экөөнү тең кетирбейм! - Кеңешбек тултуя отуруп калды.

- Мына жоро-жолдошторуңдун, менин көзүмчө сөз бер, атам менен апам да сени ойлонуп жүрүп өтүп кетишти, малды сатып эмне кылдың?

- Дүкөн курдум, соода кыла берсе болмок да, - Күңкүлдөп сүйлөп өйдө карай албады.

Баары кеңешип-таңашып анын убадасын алганы отурушканда ал дароо сыртка чыгып жөнөдү.

- Эй бала, кайда жөнөдүң? - Уларкан анын алдын тосмок болуп ордунан тура калды эле, ал:

- Мени жөн эле жинди деп ойлосоңор керек. Эшикке чыгамбы же..? - деп жылмая карап күлүп койгондо Аттокур тура калып:

- Мен кошо чыгып келейинчи, - деп сыртка чыкты.

- Мени өмүр бою кайтара аласыңарбы? Өзүмдүн башыма өзүм ээмин! - деген Кеңешбек ага карабай дарбазадан чыга жөнөдү.

- Кеңешбек, азыр менден келтек жейсиң, кайрыл артка! - Аттокурдун айтканын тоотуп да койбой кетип атып:

- Экинчи Толкундун үйүнө басып барчу болбогула! - деди да басып кетти.

- Өзүң да экинчи бул үйгө келчү болбо! - Аттокур анын артынан сөгүнүп үйгө кирди, - Ой ал кетип калды. Экинчи ал жакка барбагыла дейт, мунун башын биротоло айлантып алган го?

- Өлүп кетсин, - Уларкан эчтеке дей албай отуруп калды.

Ал азыр инисинин жолдошторунун көзүнчө намыстанды, уялды, ушулардай болбогонуна жини келди. Калгандары тарап, Уларкан калды. Үч-төрт күн жүрүп, балдары келип алып кетти. Орозкан дагы көз жашын төгүп жалгыз калды. Анан бир күнү эмне кылаар айласын таппай отуруп уулун апасыныкына коюп келүүнү чечип биротоло карайды. Чиркин десең, ыза, кордук, арнамыс адамды эмнеге гана алып барбайт. Ал үйүнө барып апасына:

- Апа, Эдилди үч-төрт күн карай турчу, кыйналбайсыңбы? - деди жайдарылана.

- Жо-ок, эмнеге кыйналмак элем, кызым, андан көрө биротоло бизге эрмек кылып берип койсоң деле болмок, - Апал небересин эркелете алдына отургузуп алып кубанып алды, - Жүрөгүм эле бир нерсе болгондой, өзүм жакшы элемин, - деп кызын ойлуу карады.

- Апа, үйдү жайып алайын, актап-сырдап алып анан кайра алып кетем.

- Мейлиң, садага. Кеңешбек жакшы жүрөбү?

- Жакшы эле, ал да өз иши менен алек, - Орозкан Апалдын көңүлүн жайкай үйдөн чыкты.

Ал үйүнө кайрылбай эле Самарага барды. Экөө көпкө кобурашып отурушту. Аны узата чыккан Самара:

- Өзүңө кудай кубат берсин эми, күндө түн бир оокумда кабар алып турабыз, - деди.

- Ооба, ушундан өлүп же өлтүрүп кутулбасам болбойт, чыдоонун да чеги болот, - Орозкан муштумдарын түйө азыр эле бирөө менен мушташчудай болуп кетип жатты.

Жалгыз, жанында эрмек болчу баласы да жок, коңултактап эки-үч күн өттү. Дал ошол күнү Кеңешбек үйгө келди, күндүзү келип:

- Тигини менен баарын бүтүрүп келдим, экөөбүз эми жаңы жашоо баштайбыз, - деп Орозканды кучактамак болду эле, ал чыгып кетти.

- Энеңди урайын десе, өзүң ушинтесиң да, элге арызданасың. Кана бала? - деп эшикке артынан чыгып сурады.

- Менин балам эмес дебедиң беле?

- Ой эн-неңди, сен мени менен эрегишип жүргүң келеби же катындай болуп тынч жашагың келеби?

- Мен сага качантан бери катын болуп калдым?

- Анан кимдин катынысың?

- Эч кимдин!

- Ойношуңду айткың келбей жатабы? Баламды мага таап алып келип бергин, сенин мага керегиң жок!

- Бала сеники эмес, меники!

- Тапкан экенсиң, баланы талашканды! Бул үйгө мен Толкун менен жашайм, баламды бер да, кете бер!

- Баланын балакетин ал, - Орозкан ачуудан муундары калчылдай: "Бирөө жарым укса жардамга келээр" деген ойдо үнүнүн бардыгынча чаңырды, - Мен жаман да, тууган балам жакшыбы сага?!

- Бала керек, баланы берсең төрт тарабың кыбыла! Мен Толкунду сүйөм, ансыз жашай албайм!

- Сүйгөндү сага көрсөтөм. Азыр участковойду чакырып келем! - деп дарбазага жүгүрүп жеткенде Кеңешбек аны чыгарбай кармап алып үйүнө сүйрөп баратканда Орозкан бакырып кирди, - Жарда-ам! Жардам бергиле-е!

- Үнүңдү бас! Ажалың жетпесе адамча сүйлөшөлү! - Кеңешбек бирөө-жарым келип калабы деп аны өйдө кылып үйгө түртүп киргизмек болду эле, ал тырмышып дагы кыйкыра берди. Карылуу неме аны эки колтуктан алып үйгө киргизди да, тепкилей баштады. Ошол убакта оозу-мурду канап кеткен Орозкан ашканага жүгүрүп кирип эшигин жаап алмак болгондо Кеңешбек артынан кирип башка чаап-чаап жиберди. Көзү караңгылай түшкөн Орозкан теңселе түшүп, көзүнө урунган бычакты ала коюп жинди болгон эмедей аны көздөй шилтеп калды: "Ык!" дей түшкөн Кеңешбек ичин басып туруп калганда сырттан Толкун кирип келди.

- Бейбак, өлтүрдү-үң! - деп Кеңешбекти жөлөй калганда Орозкан бычакты таштай коюп сыртка жүгүрүп чыгып:

- Эл жу-урт жардамга-а! - деп кыйкырып атканда үч-төрт коңшусу келип калды. Аларды көрүп өзүн жоготуп койгон Орозкан жыгылып түштү.

- Ко-окуй, буга эмне болду? Колунун баары кан го?! - дешип аны өйдө кылып атканда Толкун чыга калып:

- Мен аны өлтүрөм, койо бергиле! - деп, Орозкан Кеңешбекти сайган бычакты ала жүгүрдү эле, тигилер чурулдай кача беришти, жан ширин го, ар ким өз жандарын калкалай ары боло бергенде босогодон дагы үч-төрт эркек келатканын көрүп, Толкун качып жөнөдү.

Кеңешбекти ооруканага алып барып, Орозканды камап коюшту. Толкун да кармалды, заматта будуң-чаң түшүп калды. Апал бул окуяны угуп жүрөгү кармап жатып калды. Суракта Орозканды актагандар да, күбөлөр да көп болду. Алар Толкун Кеңешбек экөө Орозканды өлтүрмөк болгону, экөөнүн үйүн бузуп жүргөнү баары айтылды. Сот бололекте Кеңешбек өзүнө келалбай үзүлүп кете берди. Үч эжеси Орозканга күнөө койо алышкан жок. Толкунду тытып койо жаздашты. Мунун баарын уккан Апал өзүн күнөөлүү сезип, улам жүрөгү кармай берип, Орозкандын соту болуп, аны сегиз жылга кескенде үйүнө келип, жаткан бойдон оо дүйнө салды. Кулмурза болсо күйүттөн ичип кетти. Эдилди улуу эжеси Уларкан алып кетти. Ошентип Орозкандын үч жыл бою тарткан азабына чек коюлду. Апасынын өлгөнүн угуп түрмөдөн өзүн өзү өлтүрмөк болду, бирок ажал жетпесе "кырк жылы кыргын болсо да ажалсыз чымын өлбөйт" сыңары, аны аман алып калышты. Алты жыл түрмөдө көрбөгөнү калган жок. Алты жылга аяк басканда амнистияга илинип бошонуп чыкты. Чыгаары менен кайнежесинин үйүнө келди.

- Кандай, эже, Эдил чоңойуп атабы? - Ал батына бербей босогодон эле бош учурашты.

- Кел, качан чыктың? - Уларкан ага жаман айтпады, анын таткан азабын көрүп эле жүрчү: "Ал да эзилип бүттү да, экөөлөп өлтүргөнү келсе өзүн коргогон да" деп калчу.

- Бир жума болду. Баламды көргүм келди, эже, мени кечирип койуңуз, Орозкан кайнежесине тике карай албай ыйлап турду.

- Кир үйгө. Сенде эмне күнөө, башынан балээ кетпеген Толкун болбосо жакшынакай эле жашайт элеңер. Кеңешбектин өзүнөн да кетти, - Уларкан да ыйлап атты.

Келинине чай койуп, тамак асты. Экөө бирде ыйлап, бир сооронуп сүйлөшүп отурушту. Ара чолодо Уларкан:

- Толкунду болсо үч жылга эркинен ажыраткан, мурда соттолбогонун, жашка толо элек үч баласын эске алып үй түрмөгө кескен, - деди.

- Эже, ошол аялды угайын деген кулагым жок, бирок андан дагы өч алгым келет. Ал күндү эстесем жаман болуп кетчү болдум - күндүзү келип мага асылып атышпайбы!

- Эми тим кой, аны кудай жазаласын. Ансыз да элден чыгып калып же кеталбай араң жашап жүрөт дейт. Убактысы бүткөнчө эч жакка кетпеш керек турбайбы?

- Өлүп кетсинчи! - Орозкан ошентип отурганда уулу Эдил окуудан келип калды.

- Эдил, кел келе гой, апаңа учураш! - деп Уларкан айтканда ал Орозканды бир карап алып:

- "Апаң атаңды өлтүрүп түрмөгө түшкөн" дешкен, мен аны апа дебейм! - деп ички үйгө кирип кетти.

Уларкан аны менен кошо кирип аны кучактап өөп, анан:

- Эдик, сага антип ким айтты эле?

- Мага балдар айткан болчу, мен сизге айткан эмесмин! - деди Эдил такылдай.

- Алар калп айтат, мен билем го, атаңды башка аял өлтүргөн, - Уларкан баланы жоошутууга аракеттенип атты.

Орозкан болсо бирөө келтек менен башка чаап жибергендей болуп ордунда селдейди: "Ырас эле апасы киши өлтүргүч болсо карамак беле, кой аман болсун, жакшынакай чоңойтуп жаткан жерден алып кетпей колумдан келсе кийим-кече алып келип берип карап турайын. Агамдар мени кандай кабыл алат, ким билет" деп санааркай отуруп калды.

- Эдик, апаң менен учураш, балам. Ал жакшы аял, сени төрөгөн апаң, - Уларкан баланы жетелеп чыгып келатып да ушинтип атты, - ал сени сагынып, көрөйүн деп келиптир.

- Атамды өлтүргөнү калп болсо апа дейм, эгер чын болсо мен эч качан ага бала болбойм! - деп Эдил тултуя Уларканды карады.

- Эл калп эле айта берет, ал атаңды өлтүргөн эмес, аны башка аял өлтүргөн.

- Анда эмнеге түрмөдө жатты? - Бала чаңылдаган сайын Орозкандын жүрөгүн найза тилгендей тыз этип оозуна сөз кирбей көзүнүн жаны мончоктоп ага берди.

- Атаңды өлтүргөн аялды апаң өлтүргөн… - Уларкан эне-балага данакер болгусу келгендей бул сөз оозунан кантип чыкканын байкабай калды.

- Уулум, кел келе гой, мен сени сагынды-ым, кар-ра-лды-ым! - Орозкан буулуга эки колун алдыга созо уулуна умтулду.

- Апа, чын эле сен атамды өлтүргөн жоксуңбу? - Эдил тактагысы келгендей бала болсо да насили эркектигин кылып апасынын көздөрүн тике карады.

- Жо-ок, карал-ды-ым мен-ин, келчи жыттап алайын! - деп ого бетер баласына умтулуп, ордунан турууга кудурети жетпей, турса эле жыгылып кетчүдөй өзүнө өзү мас же соо эмес акылынан ажырагандай абалда турду. Ошондо гана Эдил анын кучагына жыгылып быйтыйган колдору менен кучактап алып ыйлап ийди:

- Апа!

- Каралдым десе, жыттоочум менин, чоңоюп калганыңдан садага… - деп уулун бети-башынан, моюнунан жыттай берди. Аларды карап турган Уларкан да ыйлап турду: "Шоруң каткан Кеңешбек, жалгыз уул болуп алчаңдап чоңойдуң эле, минтип балаң чыйрак болуп чоңоюп келатат. Ушуну өзүң өстүрсөң болбойт беле?" деп өксүп алып:

- Үйүңөр турат, малыңардын башы бар, өз оокатыңарды кылгыла эми. Эдигим Кеңешбектин ордун басып калат, буйруса, - деди анан Орозканга карап.

- Эже, силерге ыраазымын. Уулумду ээрчитип тайкелерине барып келейин, анан жашабаганда кайра барам. Ушул балам деп кайрылып келбедимби, болбосо кайдан?

- Бала турганда келбей кайда бармак элең. Артына туяк калтырып, ошонун баарына чыдаган сага биз да ыраазыбыз. Буйрук, тагдыр экен, аргабыз канча? Өзүнө өзү кылды.

- Ошентсе да өзүмдү өзүм күнөөкөр сезе берчү болдум. Талашып-тартышпай эле кетип калсам эмне? Баламды алып кете бербей, аны кайрып алам деп жүрүп…

Ошол күнү экөө сүйлөшүп отуруп, Орозкан жатып калды. Күйөөсү аны салкын кабыл алды. Балдары өзү менен өзү экен. Эдилди бир жарым жашынан бери бакканга жакшы көрүшөт, анткени эң кичүүсү онунчу класста окуйт. Ал күнү аерде конок болуп, эртеси эрте туруп Эдилди ээрчитип өз үйүнө келди. Келсе атасы мас, Өскөн үйлөнүп бир балалуу болуп калыптыр. Алар да Орозканды абдан жакшы тосуп алып коноктоп, апасын эскерип отурушту. Кулмурза уктап жаткан, ойгонуп алып аны урушуп кирди:

- Уяты жок, эриңди өлтүрүп алып балаңды кантип барып алдың? Ошолор жакшы эмелер экен, мен болсом үйгө киргизбейт элем. Бар, үйгө жолобо, сенин айыңдан Апал өлдү, болбосо өлбөйт эле…

- Ата, сен түшүнчү, аны мен өлтүргөн эмесмин. Жакшылап түшүнбөй эле айта бересиңби? - Орозкан ыйлап ийди. Ал уулунан коркту: "Ана айтып атпайбы, атамды сен өлтүргөн турбайсыңбы?" деп качат экен деп ойлонуп атасына түшүндүрүүгө аракет кылганда Өскөн:

- Сен өзүңдү билчи, ата, муну эмне кыласың? - деп кагып койду.

- Силер ушинтесиңер, мени сыйлабайсыңар, - деп эшикке чыкмак болгондо баласы аны карысынан алып төргө ныгыра отургузуп койду.

- Сыйды билесиңби? Сыйды билсең ичпейт элең го?

- Эй, мени тыялбайсыңар, иче берем, дагы иче берем! - деп жаткан жеринде булдуруктап атты.

Орозкан ал күнү апасынан кечирим сурап төрдө илинип турган сүрөтүнүн жанында көпкө турду: "Алтын апакем ай, балаңдын кайгысын зорго көтөрүп жүргөнүңдө менин азабымды көтөрө албай калдың го ээ, кечирип кой, апаке. Тагдырым ушул экен, көрдүм. Эрден чыкты десе дей берсин деп жөн эле баса берсем болмок экен, кантейин. Сени аяп жүрбөйүнбү. Андай болуп кетээрин ойлогон да жок элем го?" деп көзүнүн жашын көлдөтө апасы менен агасынын чоңойтулган сүрөттөрүн мелтирей карап түркүн ойдун кучагында термелди. Уулу жанында ойноп турат, кантсе да өз эненин мээрими, энелик сүйүүсү аны тартып эч жакка жылбады. Жөн гана ойноп жүрө берди.

Орозкан үч-төрт күн жүрдү. Ага жеңеси эч нерсе дебеди: "Жардам беребиз, өз оокатыңды кыл, балаңды бел кылып өзүңдү жакшы кара" дегенден башка сөз айткан жок. Бир жумадай жүрүп анан келин болуп барган үйүнө барды. Эки жагын тазалап, жууп-шыпырып, үйүн актап кирип алды. Эдилди окуудан калат деп кайнежесиникине каникулга чыкканча таштап келди. Коңшулары учурашып кетип атты. Баягы Самара дагы күйөөсү, калган аяштары болуп келип ага көңүл айтып кетти. Бой, жаш сулуу келинге көз арткандар көбөйдү. Бири чын ниети менен жар кылып алууга келсе, бир даары ага убактылуу жүрөлү деген сунушун айтты. Орозкан эч нерсе дебеди, кайын-журтунан тартынды. Жөн гана түн катып койнунда болчу адам менен күн өткөрмөйгө өттү. Отуздан жаңы ашкан жаш денелүү аялдын кумары да бир топ эмеспи: "Мен Кеңешбектен эмне көрдүм? Басынып, корунуп, өч алам деп атып кайра түрмөнү көрдүм. Ойноп-күлөөр маалым, уулум чоңойсо анан көрөөрмүн" деп ойлоп, түн катып келген адамдын көтөрүп келген арагын ичип, койнунда култуюп, махабаттын майрамына чардап күн өтө берди. Окуучулар тарап, Эдил жанына келди. Ага энелик мээримин төгүп: "Жей гой, иче гой" деп айланып, үйрүлүп убакыт өткөнү билинбейт. Агасы "жардамым болсун" деп каптап ун, кант, чайын алып келип берди. Эч нерседен камы жок жашоосу ойдогудай өтүп: "Эми дүкөндү иштетейин, соода кылбасам болбойт" деген ойдо:

- Эже, мен эми дүкөндү иштетейин, соода болбосо жашоо кыйын азыр, - деди эле алар бир уюн сатып акчасын коротпой колуна салып берди. Өзү шаарга барбай эле агасына кеңешип андан акчасын берип ийди. Ал өзү да кошумчалап толгон товарды алып келип берди. Ага жакындагысы келгендер четтен чыкты:

- Орозкандын кадырын билбей шордуу Кеңешбек өтүп кетти. Бул абдан тың келин, - дешип колунан келгенин көтөрүп дүкөнүн майлап келгендер көбөйдү. Аяштары болсо кол үзгөн жок, ага жакындоого аракет кыла башташты.

- Орозкан, азаматсың ай, Кеңешбек өлсө баласы турат, кайын журтуң абдан түшүнүктүү да, болбосо жолотпой коймок, - деп Самара күн алыс анын жанында.

Жай турмуш, бай турмуш анын үйүнө уялагандай, кой үстүндө торгой жумурткалап эле калды. Адам ырыскысын көтөрө албайт эмеспи: "Мээнет жалпак, дөөлөт тоголок", бир жабышса мээнеттен кутула албайсың, дөөлөт келсе күтө албасаң кир жууганча токтобой тоголонуп кетет.

"Орозкан жакшы келин, акыл-эстүү, эркектей болгон аял" деген мактоо аны бир кезде тоодон тоголотуп түшөөрүн сезбеди. Короосунда малы, дүнүйө-мүлкү, ачып койгон заңгыраган дүкөнү эле аны чамгарактатып койду. Күндө үйүндө конок, жанында шарактаган "достору". Осмон деген фермер күпүлдөп үйүнөн чыкпайт. Өткөнүн эстесе үйбүлөлүү адамды жанынан алыс кууса жарашмак, бирок баарын унуткандай…

- Эй жаным, мурда кайда жүрдүң эле? Өзүм эле алып алмак экемин! - деди ал бир кечте.

- Жүргөнмүн да, убактысы келээр деп күтүп, - Орозкан бир аз ичкен ичкиликке оолжуй сүзүлө карады.

- Мен ушул жашка келип, аялымдын жанында бир күн болсом, ойношумдун жанында бир жума болом. Аялым алтын, эч издебейт, "кайда жүрдүң?" деп сурабайт, - Ал мактанып атты.

- Ал ойношторуңуз ушул айылдан беле?

- Бирөө ушул айылда, калганы ар жакка кетип жоголду, энеңдурайындыкы. "Ойнош оттон ысык, кала берсе боктон сасык" деген ошо да!

- Мен деле ошентип сасык болуп калам да бир күнү, ээ?

- Оо жо-ок, жаным! Сени өмүрүм өткүчө колумдан чыгарбайм. Өзүң эле жакшыраак бирөөнү таап кетип калбасаң.. - Осмон карс-карс күлүп калды.

- Никелүү аял гана түбөлүктүү болот, калганы күнүмдүк экенин билесиз да?

- Билем, бирок сени мен абдан жакшы көрөм. Экөөбүз нике кыйдырып албайлыбы, ыя?

- Жо-ок, аялыңыздын убалына калгым келбейт! - Орозкан ага кесе жооп берди, - Оттон ысык ойношуңуздун ушул айылдагысын мен тааныймбы?

- Тааныйсың, Толкун деген чүрөктөй келин эле, жесир бойдон үч баласы менен күйөөгө тийбей калды.

- Ии-ий да, уккам аны. Абыдан сулуу дагы, өзүнө жаккан эркектерди ээлеп алгысы келген шуркуя экенин дагы, - Орозкан бул сөздөрүн кыжырлангандай айтты, - азыр барып турасызбы?

- Жо-ок, эки-үч жылдай болду, ооруп калды дейт. Төшөктө имиш, балдары жаш, кыйын абалда деп угам.

- Жашында ширесин соргон экенсиз, бир кайрылып барып абалын сурап койбойсузбу? - Сынай карады.

- Ойлогонмун, бирок кол бошобойт. Акыбалын билгенде… Андайдын канчасы калды, көңүлүмө жакканды калтырчу эмесин, аттиң! - Осмон өкүнүп калды.

"Аттиң деп өкүнгөнүн кара. Мен туура эмес кылган окшойм, төрөп-түшүп жашай берсем болмок экен. Ай мейличи, баары өттү да кетти" деп Орозкан ойго чөмүлүп кетти. Осмон ал күнү таң атканда кетти.

Эдилге Орозкандын эркектен менен жүргөнү жакпады. Бир күнү:

- Апа, эгер дагы үйгө бирөө келсе мен бул үйдөн кетем, мени балам десең үйгө адам келбесин! - деди чыканактай болгон сегиз жаштагы бала.

- Маакул садага, жөн эле кишинин үйүнө киши келет ко, эмнеге минтип атасың?

- Мен чоңойсом өзүм багам, ага чейин соодаңды жасап жашай бербейсиңби?

- Болуптур, эми кайталанбайт, - Орозкан ойлуу уулун карап туруп, - А мен күйөөгө тийсем эмне болот? - деди сынай.

- Күйөөгө тийсең ошонун үйүнө бар, бул үйдө мен өзүм калам! - Эдил апасын карабай бурк этип үйүнө кирип кетти.

Орозкан үн дей албай дүкөнүн ачып соода кылып атты. Айылда эмне, мал сатмайын акча жок, карызга ала беришет. Кээси эрте, кээси кеч берип, кой же козусун баалап да алган күндөрү көп. Орозкан ачаары менен жакын коңшусу келип:

- Орозкан, үйгө конок келип калыптыр, май-чайыңан, анан тиги шишеңден бербесең болбойт, - деп калды.

- Кечиктирбейсизби анан?

- Ой садага кетейин, пенсиям тийсе эле бере койом. Же тиги кызымдын сыйлыгы тийсе дароо берем.

- Мейли эже, берейин сизге. Товарга акча беришим керек, акча аз болсо бералбай калам. Товарым азайып кетти, - деп сураганын бере салып, кагазга жазып койду. Кирип-чыгып соода кылгандар жок эмес, кеминде күнүнө эки-үс миңдей соода болуп турат.

- Орозкан эже, кандайсыз? - Бир жигит кирип келип учурашып калды.

- Жакшы-жакшы, келе гой! - Орозкан аны тааныбай суз гана учурашты.

- Сиз мени тааныбай жатасыз го?

- Ооба, тааныбадым.

- Сизди мен көрүп эле тааныдым. Билесизби, "тиякта" жүргөндө сизди көрүп калып таанышкам, сиз көп узабай бошонуп кеттиңиз, мен жакында чыктым.

- Эсимде жок, - Орозкан шыпылдаган жигитке сүйбөгөндөй мамиле кылды.

- оой кокуй, жаш эле туруп ушунча унутчаак болосузбу? - деп ал Орозканга колун сунду, - Жоробек.

- Менин атымды билет экенсиң, - Орозкан анын колун сумсайткысы келбей колун берди.

- Жолугушканыбыз үчүн бирдин башын кыйбасак болбойт ко, эже, - Жоробек шыпылдай акчасын суна калды, - Жакшы арагыңыздан, колбаса менен пиво бериңиз!

- Жоробек, мен ичпейм.

- Кантип эле, эже, ичпесеңиз да кобурашып отуралы бир аз, - деп ойбоюна койбой эле аракты бузуп, колбасаны туурап, стаканга куюп бирин Орозканга сунду. - Келиңиз эми, деги адам баласынын эркиндиги үчүн ичеличи! - деп жылмайып койду.

- Мен иччү эмес элем, ооз тийип берейин, - Орозкан аны менен арак ичип алып дагы теңтуш кылып алуудан коркуп атты.

- Кичине, ки-чи-не эле алып коюңуз!

- Мейли эми, азыраак алып койойун, - ал улам Эдил кирип келеби дегендей үй жаккы эшигин карап коюп атты.

- Эмне, күйөөңүз барбы, эже?

- Ооба, эмнеге сурадың?

- Улам эле тиякты карайсыз, бирөөдөн чоочуп жаткан түрүңүз бар?

- күйөөм бар, келип калабы деп коркуп атпайынбы, - Орозкан жообуна кубанып кетти: "күйөөм жок десем эрмектебейби.." деп ойлоп аткан.

- Сиздин күйөөңүз жок эле го? - Жоробек анын көздөрүнө тике карап сурады.

- Ким?

- "Тияктан"…

- Аа-а, кийин тийгем, - деп токтолбой айта салды: "Баары уккан экен да, көргөнүм эсимде жок" деп ойлонуп калганда:

- Келиңиз эми бир жакшылап сүйлөп коюңузчу, күйөөңүз болсо "иним" деп коюңуз, түшүнөт да.

- Күйөө түшүнчү беле, Жоробек? Кечирип кой, уулум жаман көрөт, - Орозкан кайсактай сүйлөдү.

- Канча жашта?

- Сегизде…

- Ой кичинекей турбайбы, эчтеке болбойт, - деп күлүп ага стакан суна бергенде Эдил кирип келип:

- Өзүм кичинемин, акылым сексен жашта! - деп калбаспы.

- Эмне, эмне-е? - Жоробек аны таң калгандай карап оозун ачып сөзүн унута туруп калды.

- Апа, мен айтпадым беле, бул жерден ичкенге болбойт деп…

- Балам, бул иним, сенин тагаң болот, анан кантип?...

- Иниң менен арак ичесиңби? - Эдил чоң кишидей апасын суроолуу карады.

- Эми… жөн эле ооз тийип кой дегенинен… - Орозкан уулунун жаш туруп өтө чоң кишидей сүйлөгөнүнө таңгалып: "Түү-түү, аман эле болсунчу, болгон бактым ушул эмеспи" деп ойлоп ага мээрим чача карады.

- Мен сизге ишенейин, апа. Ишеничтен кетсеңиз биерге бир күн турбайм! - деп чыгып кетти.

Орозкан менен Жоробек экөө тең эмне дээрин билбей бири бирин карап туруп калышты.

- Жалгызым, өтө тыкан, мени ичип кетпесин дейт ко? - Орозкан уулун актагандай сүйлөп койду, - аман болсо экен, садагам.

- Мындай балдар мурдуна бок сыйпаса билбейт ко, балаңыз кыйын бала болот!

- Кой антип айтпа, аман эле болсун.

- Аман болсун, бирок чынында өтө тың бала экен…

Жоробек андан кийин Орозканды ич деп айта албады, көпкө сүйлөшүп отурушту. Ал ортодо кирип-чыккандар соода кылып атышты. Самара келди бир кезде, кызуу:

- Ай Ороз, менин үйүмө киши келди, мага бирдеке керек! - деп каткырып алып кайра Жоробекти карап, - Мен мишайт эткен жокмунбу? - деп койду.

- Жок-жок, Самара, кана кайсыдан берейин? Сага бербей коюп өлгөнү жүрүптүрмүнбү? - Орозкан да күлүп калды.

- Эки бөтөлкө арак, чай-май, килки-милки, на-ан.. Анан эмне эле, унутуп калдым ай, - Теңселип кайра оңолду, - Кесме!

- Мына, баарын салдым, өзүң кете аласыңбы? - Орозкан ыргалып турган курбусунан күлө сурады, - Аттокурду ала келбейт белең?

- Ай-иий ай, ал деген сенсиз келбе деген, сени алып кетпесем чалым мени өлтүрөт! - деп сөөмөйүн чычайтып койду.

- Самара, мен баралбайм. Эдилди билесиң, ал такыр башкача болуп баратат…

- Ой, аны да алып алабыз, балдар менен ойной берет!

- Ошого макул болсо го?

- Болот эле, - Самара көтөрүнчөгүн койо коюп үй жакка кирип кетти. Бир аздан кийин Эдилди ээрчитип чыкты, - Аяш апасына болбосо кимге болот ыя? Бас, дүкөнүңдү бекит, коноктор күтүп калды, - Самара өктөм сүйлөп жатты.

Орозкан аргасыз дүкөнүн, үйүн бекитип анын үйүнө жөнөдү. Эдил баратып апасына күңкүлдөдү: "Барбайм деп койбойт белең, чоң эле аялга унчукпай айла жок баратам" деп.

- Болду. Уулум, адамдын көңүлү ошондой да, көрдүңбү сен кыялбай макул болуп атасың, мен да адаммын, көңүлүн калтыралбайм да… - Орозкан уулуна түшүндүрмөк болуп атты.

- Көп отурбаңыз, тез эле кетели ээ?

- Уруксат берсе кетебиз да, коноктору бар экен.

- Коногу болсо сени эмнеге чакырат? Ушу сага эптеп күйөө тапканы жатышат окшойт ыя?

- Жөн басчы, бала баладай болбойбу? - Орозкан аны жумшак гана кагып койду.

Миң десе да бала деген бала эмеспи, укчукпай калды.

Алар келгенде орто кызуу болуп калган коноктор Орозкан киргенде төрдөн орун көрсөтө тура калышты:

- Келиңиз, төргө өтүңүз.

- Биякка келиңиз, - деп жаалдагандардын ар биринин жанында аялдары отурат.

- Ушул жерге эле отурайын, коноктордон өтүп кеткеним болбойт! - Орозкан берегирээк отуруп калды.

- Кана Аттокур, биякты биз менен тааныштырып койбойсуңбу? - деди бири.

- Бул менин аяшым Орозкан, булар болсо менин досторум, көптөн бери алыстап кетип катышалбай жүргөнбүз, издеп келип калышыптыр, - деп Орозканга тааныштыра кетти.

- Кыскасы баарыбыз эле теңтуш экенбиз да, - деп ар бири атын айтып таанышып атты.

Эдил конок үйгө кирген жок, бабырашып улам стаканды толтуруп көңүл көтөргөн таттуу, кооз сөздөр айтылып, тамаша сөздөр сүйлөнүп, көпкө отуруп бир оокумда тарашты. Орозкан кетмек болду эле, аны Аттокур жеткирип койду. Самара мас болуп коногунан мурун жатып калган. Уулу экөө үйүнө кетип эки жагын карап коюп уктоого кирди. Эдил телевизор көрүп жатып кеч уктады. Жакында экинчи класска барат, окуу башталаарына аз эле калган. Бала болсо да эжесиникине көнүп калганга өз ичинде ошол жакка окуйм деп жүрдү.

Орозкан дүкөнүнүн көбүн карызга таратып ийди. Өскөн ага бир топ товар алып келип берип:

- Карызга таратып ийсең акчаң айланбай калат. Эми акчаңды чогултпасаң мен товар алып келип бербейм, - деп ачууланды, - кыйналбай оокатын кылсын десе, бир айда жыйырма миң зорго топтосоң, товарың калбаптыр, элүү миңдин товары кана?

- Чогултам эми, өздөрү деле беришет, - Орозкан ошентип кутулду.

Жоробек болсо күндө келчү болду, ал тургай сүйүүсүн арнап үйлөнүүгө колун сурады. Орозкан кайын-журтунан тартынды. Жоробек баласын да көзүнө илбей үйүнө отуруп алчу болду. Экөө дүкөндөн күндө куурдакты жасап алып, арактан ичип, түндөсү үйүнө кирбей ошол жерде жатып алчу болду. Орозканда да сүйүү пайда болгондой, Жоробек бир жакка кетсе жаны жай албай күтө берчү болду. Ооба, сүйүүнүн даамын татып көргөндөр билет сүйүү эмне экенин. Бара-бара Орозкан баласын укпай да калды. Баласы Уларкандын үйүнө кетип калды. Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген Орозкан: "Мен деле тирүү жанмын да, ойноп-күлүүгө, сүйүүгө акым бар. Керек болсо кетип калам, үйүнө көз каранды болбойм" деп ойлонуп атты. Товарынын акырына чыгып, карыздарын чогултуп жүрдү. Ишенгени колунда бир топ эле акча бар. Аны Жоробекке билгизбей катып жүрдү. Аңгыча боюна болуп калды.

- Жоробек, менин боюмда бар, эми эмне кылабыз? - деди бир күнү ал.

- Сонун болгон тура, балалуу болобуз! - ал кубанычтуу кубаттап койду.

- Сонуну курусун, балам мени эми кечирбейт, кайнежемдер келип үйдөн чык десе эмне болот?

- Эчтеке, шаарга барып жашайбыз да, бир-эки жылда үй алып алабыз, андан көрө тиги малдардан сатып акча топто, карыздарыңды ал, бөрүдөй жашайбыз. Шаарда акчаң болсо эч кор болбойсуң.

- Мейли, азыр жашап турсак алар эмне дейт, бир сөзү чыгаар, унчукпай койбойт, - Орозкан канчалык өз тагдыры үчүн күрөшкүсү келип маңдайга жазылган жазуудан кача албастыгын билип турса да, улам эртеңки жашоосунан үмүт кылып: "Эмне экен, жашап кетсем болду да, балалуу болуп калсак жашообузду оңдоп алабыз да" деген ойдо болгон акчасын жыйнап, үч-төрт жандыгын сатып анын акчасын да бекемдеп катып атты. Ал турсун бир койду союп этин ыштап туруп жайып катырды: "Шаарга барганда жейбиз" деп. Жоробек буга кымылдап ичтен ага күлүп жатты. Анткени ал аягы сай таппай үч-төрт жолу камалып келген неме болчу. Карды тойгон жерде жашоосун өткөрүп, акча, алтын көргөндө кыя өтчү эмес: "Шашпа, шаарга баралы, анан сени сызга отургузбасам" деп ойлоп жатты.

Уларкан Эдил келгенде деле: "Мейли, күйөөгө тийсе тиет да, эмне кылсын. Жаш, жашаса жашай берсин" деп койгон. Бирок малдарын сатып, сойгонун союп, дүкөнүндөгү товарын түгөткөнүн элден угуп чыдай албады. Бир күнү алардын үйүнө келди. Орозкан менен Жоробек түш болсо да тура элек болчу.

- Орозкан, сени кайсы кара теке сүздү? Жакшы келип деп, кылганыңдын баарын кечип, кичинекей бала үчүн баарына ээ кылып койсо бул эмне кылганың? - Кирип келип эле ушинтти.

- Эже, кечирип койуңуз! - Орозкан кайнежесин оозгу бөлмөсүнө алып чыгып, - Эже, мени кечирип коюңуз, айлам канча? Менин деле жашоого укугум барбы же жокпу, адаммын го? - деп ыйлап алды.

- Болуптур, а баланы эмне, батыралбадыңбы? Жалгыз баланы ушул үйдүн ээси деп ойлоп аны төрөгөн энеси болгонуң үчүн баарын унутуп эркиңе койдук.

- Эмне кылайын, эже, үйдөн чыгып кетейинби?

- Баланы карабасаң, башка күйөөгө тийип алсаң, үйдөн чыгасың да. Сыйды көтөрө албадың, тийсең да тынч, балаңды өзүңдөн алыстатпай жашай берсең болмок.

- Эдил такыр болбой койду, сиз түшүндүрүп көрбөйсүзбү? Эгер ал колума келсе тынч эле жашай берем, эже, - деп Орозкан кайнежесинин катуу кетпегенине кубана үмүттүү карады.

- Аны мен айттым, болбой койбодубу. Эгер үйгө чоочун эркек кирбей турган болсо гана барам дейт.

- Дегеле кимди тартканын билбейм, башкача бала болуптур. Мындай балдар эчтеке менен иши жок эле болот экен…

- Балага эне мээрими, эненин жылуу мамилеси, ыссык сүйүүсү керек. Өзү төрөгөн эмеспи деп өзүңө бергем, болбосо тырмактайынан өзүм багып, өз энесиндей болуп калгам, атасынын атын өчүрбөй, очогунан от тутанта турган орун басары дегем!

- Аныңыз туура, эже, эми эмне кылайын? - Орозкан аргасы кете кайнежесин карады.

- Эмне кылат элең, күйөөңдүн тууган-уругу, өскөн үйү бардыр, өз турмушуңду өзүң өткөр, - Уларкан башка эч нерсе дебей чыгып кетти.

- Мына, ушундай болоорун билгем, Жоробек. Укчу мени, эми эмне кылабыз? Деги сенин ата-энең же туугандарың барбы? Төрөй турган баланы адал төрөшүм керек, нике кыйдырышыбыз абзел!

- Орозкан, менин тууган-уругум ким экенин билбейм, жетимдер үйүндө туулгам. Анан менде кайдагы үй-жай?

Жоробек жанын жеп калп айтып жатты. Ушул айылдын четинде бир туугандары бар болгону менен, кайра-кайра түрмөгө отуруп жатып алардан четтеп калган эле, барууга бети чыдамак эмес. Эгер жашоону жөндөп кетүүгө ар бир адам далалат кылса, баары колунан келмек. Бирок Жоробекте андай ой топтоло элек, күнүмдүк бекен оокатка гана жүрө берген адаты бар эле.

- Анда эле шорубуз каткан тура. Канттим, кудай ай! Мени да жолдон чыгардың, жылуу-жумшак үйүмдө оокатымды өткөрүп жүрө бербей мени кудай урбадыбы?! - деп ыйлап алды.

- Койчу эми. Орозкан, биз шаарга кетебиз, соода кылабыз, үй алабыз, мечитке барып нике кыйдырып жакшы жашап кетебиз, ишенчи мага?

- Шаарда эле сонун дейсиңби? Өз үйүң болбосо батирде жашасак кантип уланабыз?

- Соода кылыш үчүн сенде акча бар да, туурабы? Биз жан талашып иштейбиз, акчаны көбөйтөбүз…

Жоробектин оюнун баары акча болуп, алардын санын угалбай кыжаалат болуп жатты. Эгер акчанын санын укса Орозканды ушул жерге таштап акчасын алып кете бергиси келип турду, бирок ал канча акча бар экенин айтпады. Орозкан эрте туруп, эртемененки чайын ичип алып карыздарын доолап кечке жүрдү. Акыры Самарага барды.

- Самара, карызды бербесең болбойт, мен шаарга кеткени жатам. Кайнежем үйдү бошоткула деп келиптир…

- Ай-иий ай, эми кантем. Акча болбой атпайбы, эки жүз сомду бере турайын, анан дагы кеткениңче таап берейин.

- Эки жарым миң карызың болсо, эки жүзүн зорго берсең, ошо кантип болсун, Самара? Теңтуш элек, жаман айтышкан жокпуз, жакшылыкча эле коштошолу эми, - Орозкан ага таарынычтуу карады, - Мен силердин жакшылыгыңарды эч качан унутпайм!

- Ороз, мен деле сени сыйлайм, таарынбай турчу эми. Бүгүн-эртең эле кете койбойсуң да, ээ? - Самара аны кучактап өөп койду, - Мен сага түшүнөм, досум, сага ыраазыбыз Аттокур экөөбүз тең.

- Мейли анда, кетээрде келем, даярдап койгула. Эгер келбесем, өзүм үйгө чакырам, "эсептешкен дос болбойт" дейт, бирок "соодада достук жок" деген да сөз бар. Кыскасы, ажырашаяк кылып кетем, - Орозкан кайра жаркылдай ордунан турду.

- Сөзсүз барабыз, кам санаба, ала барабыз! - Самара аны узатып чыкты, - Ойлонбо, карызды топтоп койобуз, башкаларыңды чогулта бер!

Орозкан ошол күнү жети миң сом топтоду. Дүкөнгө келип, калган товарын сатканга отурду. Дагы эле бир топ товары бар эле, эсептесе жыйырма миңдин товары бар экен. Ал Самара менен сүйлөшмөк болду. Отуруп дагы эки миңдей соода кылды.

- Бирдеме жасайсыңбы, Орозкан, курсак ачты, - Жоробек ага келип ушинткенде Орозкан:

- Мен соода кылайын, өзүң эле даяр турган нерседен жасап мага деле берип койсоң, - деди.

Аргасы жок, көз каранды болуп турган Жоробек макул болуп тамак жасап дүкөнгө алып келип экөө тамактанды. Түн бир оокумга чейин отурду, анткени туулган күн өткөрүп жаткандар кайра-кайра келип арак, вино, пиво алып кетип соодасы жакшы болду. Жоробек экөө ал күнү ошол дүкөнгө эле жатып алышты. Орозкан аябай ойлонду: "Ойноп күлөм деп баламдан да алыстадым, ал эми мени кечирбейт. Ушундай соода болсо мага баламдан башканын эмне кереги бар? Муну кетирейин да жашоомду тынч өткөрөйүн" деген чечимге келип, Жоробекке эртеси күнү чай ичип отурганда минтти:

- Жоробек, мен баламдан жат болгум келбейт, шаарыңа да барбайм, ушул үйдө жашап, ушул үйдөн өлүгүм чыксын, өзүң кете бер, менин чечимим ушул, - деди.

- Эмнеге, Орозкан, мен сени бир көрүп эле жактырып калып атайын дарегиңди сурап алып таап келсем, анан сен мени кет дегениң кандай? Ортодогу төрөлө элек баланын тагдырын ойлобойсуңбу?

- Ойлогондо эмне, мен энемин, төрөп алып бага берем. Ойлоп көрсөм мага бул жер өз үйүм, өлөң төшөгүм, эгер биерден кетсем кандай болот, белгисиз…

- Мен турбайымбы, жаным. Сен үчүн, балам үчүн баарын жасай алам, убада берем! - деп чөгөлөй калып, Орозканга жалдырап ийди, - Баламды менден бөлбө, чогуу бололу. Тиги балаңдын деле атасың чоңоюп жатканы жетет!

- Аны да, муну да ойлодум, бирок жылуу ордумду сууткум келбей жатпайбы! - Орозкан чын пейли менен ыйлап атты.

Эртеңкиси ал үчүн туңгуюк болчу. Жоробек болсо акчадан куру калуудан коркуп, убактылуу болсо да жылуу түнөк болуп турганына, эми андан кетсе колунда тыйыны жок, жатаар жери жок, кантердин айласын таппай далбастап жатты.

- Орозкан, айтчы, мени сүйөсүңбү? - деди айласы түгөнө.

- Ооба, өмүрүмдө бир жолу сүйүүгө акым бар го дегем, бирок ал сүйүүнү балама деген сүйүүм жеңип баратат!

- Андай болбойт, адам деген бир келген жашоодо өзүн биринчи коюш керек, сен бактылуу болсоң балаң дагы бактылуу. Эдилди чоңойгондо түшүндүрүп алабыз, кайда барат эле, энесин кыя албайт. Катташып алабыз, ага чейин биздин балабыз дагы чоңоюп калат.

- Билбейм, Жоробек, көп ойлондум, баары бир мен сени менен кете албайм!

- Кетесиң, жаным. Менин сенде балам бар, мен анын атасыз төрөлүшүн, өсүп жетилишин каалабайм. Болбосо боюңдан алдыр, анан мен кетем, анткени сенде менин эчтекем калбайт, балам менен кошо сүйүүм да өлөт! - Жоробек ушинтип сыртка чыгып кетти.

Орозкан ойлуу отуруп, анан: "Акыры башта бир өлүм, мен деп турган неменин мизин кайтарып сумсайтпай, ичимдеги баламды төрөп алып өз турмушумду баштайын. Белен үйдө жашап эрге тийип аны багып атат дедирбей ушул өлсө өлүп, жашаса жашайын" деп акыркы чечимди чыгарды. Бир жумадай карыздарын чогултуп, соода кылып, чогулганы кырк миңдей зорго болуптур. Жоробекке аны айтпады, жөн гана карыздар чогулбай атат, бир аз чыда деп атты. Айыл коңшусунун ар биринде эле үч-төрт миңге чейин аласасы бар, бөлүп-жарып берип дагы эсептей келсе отуз миңдей калыптыр. Аны чогултуш үчүн туура бир ай керек: "Күз келип калды. Жылуу-жумшакта батирдин жакшысын таап алыш керек" деп Жоробек шаштырып атты. Кокус окуу башталса баласы келип биякка окуп калса иштин баары ойрон болоорун сезип, анын шаштысы кетип жаткан. Дүкөндөгү товарынын баарын алды да, өзүнүн апасы алып келген жууркан-төшөгүн, килемдерин алып, Кеңешбектин ата-энеси урунган, карманганына тийбей көчүп кетмек болду. Агаларына билдирген жок. Кетээрден бир күн мурун баягы аяштарын чакырып ажыраш аяк өткөрдү. Алар карыздарын дагы бөлүп калганын бир кайрылып келгенде аласың дешип коштошту. Кайнежесине барып Эдил менен коштошту да, үйдүн ачкычын бирге келип Уларкан алып калды. Орозкан ошондо коңшуларынын ар бирине аны жолуктуруп калган карызды алып алыңыз деди. Бир машина жалдап шаарга жөнөштү. Адеген күнү суточныйга түшүштү да, батир издеп кайра батирге көчүштү. Базарга барып сооданы эмнеден баштаарын билбей орун таап соода кылалбай бир жума өтүп кетти.

- Минтип жүрө берсек болгон акча түгөнүп жолдо калып шерменде болобуз. Сен жумуш издеп иште, мен орун сатып алайын, анан чоң соодага чыксак экөөбүз тең эле бир жерде болобуз, - деди Орозкан Жоробекке.

"Эннеңдуррайынды кара, акчасын аяп мени иштеткиси бар. Шашпа сени, талаада калтырбасамбы!" деп ойлогон Жоробек сыр билгизбей:

- Макул, сен места сатып алгыча жумуш издеп табайын, - деп дароо макул болду. Бирок дал ошол күнү ала келген товарларынын ичинде он чакты бөтөлкө бар болчу. Ошондон төрт бөтөлкөнү сатып эт, аш алып келип, каткан эттен да салып тамак даярдады. Өзүнүн тааныш келинин жолуктуруп ага баарын түшүндүрүп, үйүнө ээрчитип келди. Аны "жеңем" деп тааныштырмак болду. Алар үйдө отурганда Орозкан сүйүнүп орун алганын айтмак болуп кирип келди да, тигилерди көрүп туруп калды:

- Орозкан, бул менин жеңем, таанышып кой. Кокусунан жолугуп калдым, - Жоробек ага калп-чынды койгулаштырып айта баштады.

- Эч кимим жок дебедиң беле? - Орозкан ичинен арам ойлой жини келе какшыктады, - "Эч кимим жок, жетимдер үйүндө өстүм" деп алып, жеңеңди таап алдыңбы?

- Уят эмеспи, чын эле жеңем. Ата-энем өлгөндө мени булар жетимканага тапшырып коюшкан. Мен таарынып барчу эмесмин, эми аялым турса кантип качам, ээрчитип келе бердим.

- Ой келин бала, сүйбөсөң кете берем, эмне мынчалык түрүңдү бузасың? - дегенде Орозкан ийиге түштү: "Уят болдум окшойт" деп анан күлүп жибергенде: - Мен жаш келин болсом, бул жети жаштагы бала. Күйөөмө "жеткирип кой" деп эмгиче күнөөлүүмүн, - деди ал дагы сөздү эбин келтире айтып.

- Кечириңиз, Жоробек мага эч кимим жок деген болчу, анан жиниң келет да. Өзүбүз иш баштай элекпиз… - Орозкан плитада кайнап жаткан оокатты көрүп тим болду.

Ошентип үчөө "бир туугандарча" маектешип, тамак менен даяр арактан алып коюп, "жеңесин" коноктоп атты. Беш-алты бөтөлкө бошоп калды. Орозкан кызып калды. Батирин бир айга төлөп коюшкан. Жоробек эмне болсо да ушул бүгүн максатына жетүүгө далбастап көзүнө жашыл миң сомдуктар элестеп отура албай кирип-чыга берди. Жатууга келгенде ичи-жигин билгизбей Орозкан экөө жатты да, ал уктаганда аны башка бөтөлкө менен бир коюп, тинтип жатып элүү миң сомду таап алып эки килемин кошуп алып экөө жолго түштү.

Орозканды эч ким көргөн жок, ал жөн гана эси ооп калган. Башынан сызылып кан агып зыңылдап ооруп калган экен, ойгонуп Жоробекти издеди. "Сыртка чыкса керек" деп көпкө жата берди, бирок эшикти ачып бир жан кирбеди. Ошондо гана жүрөгү болк эте ордунан тура калайын дегенде башы көтөрүлбөй ооруп кетти. Чачынын арасын салаалап карап көрүп, чоочуп: "Мага эмне болду?" деп, жаздыгын караса ал да кан. Ошондо гана билди алданганын. Эптеп ордунан туруп акчасын издеди, эч нерсе жок, жанындагы орунга төлөгөндөн арткан бир аз акчасы калыптыр: "Мага чала, өлүп калсам болмок, эми канттим?" деп күнү кечке туралбай жатты. Башы чыдатпай ооруп чыкты. Эки күн ордунан козголо албай жатып, үчүнчү күнү эптеп башын жоолук менен таңып алып докторго көрүнүүгө жөнөдү. Учету жок эч ким карабай акыры милицияга барды. Батирине ээрчитип келип көргөздү, башын милициянын жардамы менен таңдырып кайра үйүнө келди. Жазып берген дарылардын ичип отуруп батир акысын төлөй турган күн жакындаган сайын коркуп атты. Килемдерин да таппай калды. Эмне кылаар айласын таппай жаңы жууркан-төшөктөрүн алып чыгып сатты. Айылга барууга бети чыдабады. Батирин төлөгөндөн кийин иш издеди. Сатып алган местаны кайра сатып жиберип, эптеп ошонун акчасын иштетмек болду. Болоор-болбос товарын камокторго алып барып тамак-ашка алмаштырды. Улам күн өткөн сайын ичи дагы чоңойо берди. Өзү жамына турганын калтырып, болгон төшөк-жуурканын сатып дагы эки айга төлөп соода кылып кирди. Аңгыча суук түшүп кыш келди. Соода кылалбай калды. Батиринде жатып каткан этин аздан оокат жасап ичип отуруп: "Ушуну албаганына шүгүр" деп кубанып алат. Төрөөр маалы да келип толготуп калды. Батирдегилер аны тез жардам чакырып төрөтканага жеткирип койду. Уул төрөдү. Бирок ал басына жибибеди: "Ушуну атасыз чоңойбосун деп шаарга тентип келбедим беле. Атасынан жыргабаган, ушундан жыргайт белем. Атасын тартса ким болмок эле…" деп арман кылып жүрө берди. Жазга маал, күн суук болчу, батирине акча таппай баласын көтөрүп алып бир аялдан балдар үйүн сурап алып атайын эки айлык баласын таштоого аерге жетти:

- Бизде баланы алып калганда биротоло алып калабыз. Эгер кайра ала турган болсоң андай жер бар, ошол жерге бар, - деди ага көзайнекчен аял.

- Мен убактылуу бакканга таштайт элем, өзүм иштебесем батирге төлөй алай кыйналдым, - Орозкан ыйлап ийди.

- Бизге таштай бериңиз, мейли, абалыңызды түшүнөлү. Бирок жаш бала ооруп же бир нерсе болсо догум жок деп жазып бериңиз.

- Мейли, жазайын, - Аргасы түгөнүп турган Орозкан арыдан-бери жазып берип айы-күнүн, баланын фамилиясын, атын жазып бере салды..

- Ошол, эже, - деди Орозкан Жайдарканды карай, - Аргам жок болчу, бакканга шартым жок эле…

- Балаңды таштаган балдар үйүн билесиңби?

- Билем, кийин эки-үч жолу барсам бирөө алып кетиптир дегенинен үмүтүм үзүлүп калган…

- Талантты : "менин балам" дегенге далилиң барбы?

- Жок, чынында далилим жок. Болгону менен төрөлгөн күнүн, өз аты-жөнүмдү кошуп жазган далилдеген кагаз бар да, ошол жерден сураштырсам билинет да, - деп жалдырай карады.

- Эми балаңды алып кеткенде бага турган шартың барбы? - Жайдаркан анын жүдөө кебетесин карап туруп сынап сурады.

- Бага турган шартым жок, бирок баламды тапсам бир туугандарыма кетейин дедим эле, алар мени эмне болду деп сарсанаа болуп атышкандыр, биякка келгениме он төрт жыл болду, - Орозкан жер карап улутунуп алды.

- Мейли, бүрсүгүнү кел, экөөбүз балдар үйүнө барабыз дагы бала сеникиби, башкабы, териштиребиз, аты-жөнүңдү ким дедиң? - сыр билгизбей сурады.

- Орозкан, Кулмурзаева Орозкан.

- Мейли, азыр бара бер, сенин балаң болсо эле кармабайм! - деп аны кетирип жиберди.

Талант үйдө калды. Түштөн кийин шашыла үйдөн чыгып баланы алган жерге барды. Ал жерде өзү тааныган врач аял бар экен. Аны менен сүйлөшүп токсон биринчи жылы түшкөн балдардын энелеринин жазган түшүнүк каттарын текшертип көрсө Талант эмес, Талгаттын апасы болуп чыкты. Жайдаркан аны менен шыбыраша сүйлөштү да жолуна түштү. "Эгер чын эле Таланттын энеси болсо баласын берип коймокмун. Талгатым аман чоңойсо мени багат, эстүү садага" деп жол бою ойлонуп келатты. Арадан күн өтүп болжошкон күнү Орозкан келди. Экөө балдар үйүнө барды да, документтерин көрүп Кулмурзаева дегенди таппады.

- Биз бакканга берген балдардыкы ушул, ал эми чарчап калгандарды өзүнчө койобуз, алар архивде, - деди балдар үйүнүн директору. Орозкандын супсуну сууду. Талантты издетти эле ал башка аялдыкы болуп чыкты, жашы да туура эмес. Талант он экиден он үчкө карап калган. Жайдаркан ишти жакшы бүтүрүп койгонуна кубанып аны үйүнө алып келип сыйлап: "Баласын багып, сүйүп отурам" деп колуна эки миң сом, бир сыйра кийим берип:

- Капа болбо, сиңдим, баккан бала абдан ыссык болот. Талантымды алып кетип калабы деп жүрөгүмдүн ооруганын айтпа, балким балаң табылып калаар, - жакшы айтып узатып жиберди.

- Апа, мени кечирип койчу? - Талант күнөөлүүдөй аны карады, - Эми мындай иш кылбайм.

- Эмне, төрөгөн энең "бомж" болсо да ээрчип кетет белең? - Жайдаркан аны сынай карап ичи суугандай, - же менден көңүлүң калдыбы? - деп сурады.

- Жо-ок апке, кечирип койчу мени, - деп Талант жасакерлене кучактап өпкүлөп калды.

Канчалык ал ага анткени менен жүрөгү жылыбады: "Аттиң, бирөөнүн баласына жалынып-жалбарып жүрүп өтө турган болдум. Талгатым деле бир күнү таап кетет го, неге менин пешенем ушундай болду экен?" деп ичтен сызып отуруп жашы өтсө да өзүнө ылайык күйөөгө чыгууну ойлоду: "Булар чоңоюп кетсе заңгыраган үйдө жалгыз калам го. Өз балдарым болсо бир жөн, андан көрө кобурашып күн өткөргөнгө бирөөнү таап алайын" деп ойлонуп таанышуу бурчун издей баштады. Акыры тапты…

Ормон көп жылдар бою бухгалтер болуп иштеп жүрүп пенсияга чыгып, карылар үйүнө түшүптүр. Аялынын балдары апасы өлгөндөн кийин аны кууп чыгып коюп бараар жери жок карылар үйүнө келгенине жыл айланып баратыптыр. Алтымыштарга чыккан бул адам өмүрү балалуу болбоптур. Тапкан-ташыганы өгөй балдарында калып, өз башы эле экен. Экөө сүйлөшүп баш кошуп алды. Жайдаркан чын дилинен кубанды. Салабаттуу, таза жүргөнгө көнгөн, көп сүйлөбөй токтоо жүргөн адам менен канча жашаары белгисиз, бирок аздыр-көптүр жалгыздыктан арылып кез-кез сейилдеп бирге басып, бирге туруп, үйдө эрмектешип күндүн өткөнү билинбейт. Кудайга ыраазы. Кудайберди келиптир бир күнү аялы менен, аларды тосуп алып неберелерин сүйүп:

- Келгиле балам, келгениңер жакшы болду, өзүм да силерге барып келсемби деп турдум эле, - деди кубана.

- Дайыныңыз чыкпай кетти, акыбалыңызды билели деп эле келип калдык, - Кудайберди салабаттуу чоочун адамды карап койду, анткени аялы бирөөдөн угуп калып айтканынан чын-бышыгын билмек болуп келишкен.

- Билгени келгениңер жакшы, балам. Же эрмекке балаңарды бербесеңер, Талант болсо үйгө жолобойт, жалгыз сага ини болсун деп баккан балдар боор бербейт экен. Минтип карыганда чай ичишээр адам таап алдым, таарынбагыла, - Жайдаркан ачык айтканда Кудайберди унчуккан жок. Бир аз отуруп анан кетишти. Жайдаркан оор улутунуп алды. Анткени Кудайбердини да өз ата-энесин таап катташып жүргөнүн уккан. Өзү айтпайт, ал дагы сурабады: "Убагы келсе айтаар" деп коюп жүрөт. "Аттиң дүйнө, кең ааламда бир мен бекем төрөбөгөн" деп ойлоп жашоого тойбой турду.

Канат менен Асел катуу даярданып калды. Асел өзүнчө кыялданат: "Балким экөө бирге жашап турганда жакшы болмок экен, ээ мейличи, эмнеси болсо да жалгызмын деп өкүнбөй ата-энем, бир туугандарым табылып, бир башым төрт баш болуп отурам. Ушунуңа шүгүр, кудай" деп уулун бооруна кысып койду.

- Асел, шаарга барсак мал алпарбай акча алпарабыз да, тиги кунаажынды сатайынбы? - Канат жөнөөргө үч күн калганда сурап кеңешти.

- Эмнеге? Акча же мал алпаргыдай кудага барат белек, керек болсо бизге берсин! - Асел күлүп койду, - Ушунча жыл "жалгызмын" деп арман кылып келгеним жетишет!

- Кызыксың, Асел, акчаны жанга салып компоюп бара берсек анан кандай болуп кетет - келин тойбу же эмнеси болсо да уят болбойбуз да?

- Өзүң бил, атасы, мен азыр ойлордон адашып туман ичинде жүрөм, - Асел ойлуу эмчегин чопулдата, быйтыйган колдору менен кармап алып соруп аткан уулун карады, - ушул муштумдай кызыл эттин азабынан сенден качып кетип бараар жерим, акыл кошоор адамым жок талаалап жүргөндө алар кайда эле? Эми кудай зарымды угуп, ыңаалаган наристе жытын жыттап кубанып, бактылуу болуп турганымда баары чыга калганын кара!

- Ага эмне баш оорутуп ойлоносуң, Асел? Бакыттын үстүнө ырыс конгону кандай жакшы. Бул да болсо тагдыр, эртедир-кечтир болчу нерсе экен, болду… - Канат Аселге жакын отуруп сүт жыттанган эмчегин уулуна шылтоолоп жыттап, уулун да өөп койду, - Ушуларды экөөбүз өксүтпөй чоңойтсок экен…

- Канат, менин ойума койсо ушул жолу барбай эле койот элем. Өзү келсе мейли, чакырса эле жетип барабызбы?

- Жо-ок, жаным, апам деле "баргыла" деп атпайбы. А киши кызматта болсо, атайы чакырса барбай койсок болбой калат ко?

- Өзүң эле билчи. Жаш болсом бир жөн, мен аны эми ата деп айта албайм. Саадатты деле апа дегенге оозум барбайт. Менин жүрөгүмдө бир гана өз апам Азем, атам деле ошол. Бассам-турсам аны ойлоном, берки экөөнү жөн эле бир тааныштай сезип жашап өтөм го?

- Антпе, сен кабыл алалбасаң дагы алар сага өбөк-жөлөк болушат, капа кылба аларды, - Ошентип сүйлөшүп отурушканда Бактыкан Кадичаны жетелеп кирип келди.

- Ата, ата дейм, биз айылга барып келдик! - деп Кадича тыпылдай жүгүрүп келип Канатты кучактап калды.

- Алтын кызым айылга барып келген тура, эркем десе. Кана, айылдан мага, бөбөгүң менен апаңа эмне алып келдиң? - Канат кызын өөп, чачынан сылап өзүнө каратып сурап койду.

- Канпет апкелдим, акемдерге, бөбөгүмө-ө, - Кадича ууртундагы конфетин соруп алып, - Сага, апама-а, - деп эркелей кетти.



- Баягылар кайда жүрөт ыя? - Бактыкан эки небересин сурады, - Узун күнү кечке үйгө киришпейт, ата деген катуурак болбойбу. Андан көрө малга каратып, өзүңө кошуп иш кылдырып көндүрсөң боло? - Эне наалый отурду.

- Апа, убагы келгенде эле өзү жасап алат, ойносо ойной берсин, - Канат күлүп калды.

Аңгыча ал экөө да куушуп кирип келди.

- Апа, ата, биз тоого барып келбейлиби, каникулда балдар тоого барышат экен. Окуу башталганда сочинение жаза албай калабыз, - Зарылбек дердеңдей кетти.

- Кимдикине барасыңар? - Канат аларды сынай сурады.

- Тайтамдар жайлоодо турбайбы, барып келели.

- Тайтаңдыкы жайлоодо, ошоякка бар деп силерге ким айтты?

- Тайнем, ал бизди алып кеткени эртең келем деди го?

Канат унчукпай калды: "Барса барсын, тим койойун. Талашып эле калды, уучубуз куру эмес, Аселдин жүрөгү оорубайт, ала кушту атынан айт деген ушул экен да" деп ойлонуп:

- Барсаңар барып келгиле, бирок тез келгиле, макулбу? Апаң, чоң апаң үчөөбүз сагынып калабыз, - деди эле кичүү уулу Асылбек:

- Ур-ре-е, жайлоого барабыз! - деп кубанып кетсе болобу. Асел үндөгөн жок, кайра аларга:

- Качан кетет экенсиңер? Жылуу кийимиңерди камдайын, белек-бечкек даярдап койойун, - деди.

- Билбейм, тайнем өзү келип алып кетем деген, - Асылбек мурдун шыр тартып койду. Асел алардын кийим-кечесин, белек-бечкек кылып кант-чай, конфет даярдап, балдарды жуунтуп күтүп калды. Эртеси айткандай эле Сергил келип калды.

- Кандай, кудагый, жакшы жатасыңарбы, неберелер чоңоюп жатабы? - деп учурашып отура кетти.

- Жакшы, кудайга шүгүр, кел кудагый, өзүңдүн неберелериң чоңоюп жатабы, өзүңөр тычсыңарбы, куда жүрөбү?

- Жатат, баары жакшы. Баса, кудагый, мен шашылыш элем, тиги арам бейбаштарды жайлоого алпарып беш-он күнү жүргүзүп келейин дедим эле?

- Ооба, өздөрүнө айткан экенсиңер, атасынан уруксат сурап жатышкан.

- Ийи, садага кетейиндер, жолдо ойноп жүргөнүнөн айттым эле.

- Отуруп чай-пай ич, анан балдарды алып кетесиң да. Кийим-кечесин апасы даярдап жаткан.

- Жакшы болуптур, бейбаштарды алпарып тайкелерине кошуп койойун, жат болбой аралашып көнсүн дегеним да-а, кудагый, - деп таңдайын "шык" эттирип алды. Асел дасторкон жайын, чайын алып келди. Анан Зарылбек менен Асылбектин жылуу кийимдерин, таттуу-маттуусун кошуп колуна берди:

- Апа, неберелериңдин, кыз-күйөөнүн базарлыгы деп атама ооз тийгизип коюңуз! - деди Асел жөнөтүп жатып эки уулун эки бетинен өөп, - Сагындырбай бат келгиле. Суудан, тоодон этиет болгула. Жалгыз эч жакка чыкпагыла, - деди кайра-кайра какшап.

Сергил ичимтаптык кыялы кармап: "Дегеле күйүмдүү болуп кеткенин! Булардын кеткенине кубанып аткандырсың" деп жактыра бербей:

- Жакшы тургула, - деп басып кетти.

- Апа-а!

- Апа-аа, жакшы ка-ал! - дешип, балдар томпоңдоп басып кетишти.

- Садагаларым, төрөбөсө эле эмне экен, өз эле баладай көрүнөт. Эл бөлсө бөлө берсин, мен бөлбөйм, - деп Асел ойлуу артына бурулса Бактыкан жанында туруптур.

- Аман эле болсун. Баккан баладан көрөсүңбү, өз балаңдан көрөсүңбү, ал кудайдын айтканындай болот, балам. Тигил эки жаман деле сени жакшы көрүшөт, - деди аны жайкай.

- Тайенеси ар кайсыны айтып аларды суутуп койобу дейм да, Асел оюндагысын айтты, ушул аялдын деги ичи арам.

- Ой бу жеткен чуут катын. Айла жок эле келсе "кел" деп, балдардын көөнүнө карап турам. Мурда эле билчүмүн аны.

- Ким билет. Апамдай көрүп ичи-койнуна кирип жакшылап каттап балдарды алпарып-апкелип турайын десем да боор бербеди…

Асел кайненеси менен сырдашып отурду. Жашоонун ырахатын эми гана сезгендей болду Асел. Көңүлү куунак, сүйүп кошулган жары жан ырахатын сездирсе, кызы менен уулу энелик ырахатты тартуулап, кубанычы ашып-ташып турган убак. Антип-минткиче шаарга жөнөчү күн дагы жетип келди. Үйүн билбегендиктен эч нерсе албай эле акча салып алышты. Кетээринде Канат:

- Апа, Жайдаркан таежемдин үйү каерде эле? - деп сурады Бактыкандан.

- Мен кайдан билем, ботом, шаарыңа барып көрбөсөм. Тиги Алтынкан билчү, мени бир жолу алып барды эле, кандай экенин билбей деле калдым. Ага барып жолугуп, ал-жайын билип койсоңор жакшы болот эле, - Бактыкан үшкүрүнүп алды, - Бөлөк өсүп бизге дегеле каттайын деген ою жок ал кургурдун, ал да улгайып калды…

- Так дарегин билгенде барат элек да, балаңды эртең келип кал дедим, апа. Келин экөө келип биз келгенче карап турат.

- Мейли, садага, барып келгиле. Куда кандай адам экен, келе жатканыңарда конокко чакырып койгула.

- Чакырбай анан. Адегенде таанышып алалычы, үйүнүн дареги жүрөт, таксиге айтсак жеткирет да, - деп Канат барбалаңдап жатты, - Какенди өзүң карап тур, эки бала менен кыйналабыз, бул го жаш, багалбайсың, - деп уулун көрсөттү.

- Ой кантип ушуну карасын апам? Зорго эле үч ай болду, муну таштагандан көрө эч жакка барбай койгонум жакшы, - Асел чоочуп кетти, _орго көргөн баламды таштап айылчылабай калайын.

- Апакеси, жөн эле чоочуп кеттиң да. Калыбегим бир аз чоңоюп калганда таштап коймокпуз, азыр болбойт. Коркпо, таштабайбыз, - деп Канат күлүп калды.

Канаттын иниси аялы менен келип калышты. Эрте туруп кийинип алып шаарга каттаган таксисттердин бирине барып отурушту да, жөнөп кетишти. Шаарга келгенден кийин толчокко барды, эркек адамга көрбөй туруп кийим алуудан жүрөксүп:

- Эми кандай кылабыз, Асел, ал киши чоңбу, кичинеби, жоонбу же арыкпы? - деп Канат шыбыраганда Асел күлүп жиберди:

- Алып барсак болду да, кийимсиз эле биз алпарганды күтүп отуруптурбу? Чоң размерин эле алабы, - деп кыргызча тигилген чапан, костюм-шым, норка тумак, көйнөк кылып алышты да таттуудан да түрлөп алып чоң чаар сумкага салып алып такситтерге барды.

- Каякка барасыңар?

- Такси, такси!

- Таксигеби, такси керекпи? - дегендердин бирине Канат дарек жазылган кагазды көрсөттү эле:

- Эки жүзгө жеткирем, - деди.

- Маакул, - Канат сумканы салып алдына отурду да, Асел баласы менен артка отурду. Шоопур баратып сөз кылып барды:

- Ушул адреске үч клиент алып бардым, ал жерде той болуп жатса керек?

- Ооба… - Канат Аселди карап калды.

- Ошондой, шикарный үй экен, машина көп, эки кабат укмуш салынган үй экен.

- Ийи, - деп койду Канат жөн гана. Оюнда: "Кудай ур, той деп да айтпаптыр, жупуну болуп калбас бекен? Уят болбосок болду" деген ойду ойлоп баратты. Асел дагы ошол ойдо отурду.

- Мына жеттиңер, ушул үй, - деп таксини буруп токтотту.

Канат сумкаларын түшүрүп таксистти жөнөттү да, үйдүн дарбазасына жакындаганда алдынан бир жигит чыга калып сумканы ала койду:

- Кириңиздер! - деп. Калыбы, келгендерди кабыл алып киргизип турганга дайындалган жигит көрүнөт. Эшигинин алды гүлгө оронгон заңгыраган үйдүн короосунда толгон эл. Тиги жигит аларды ичкери карай ээрчитип кирип баратты. Экинчи кабатка чыгып бир бөлмөгө кирип кайра чыкты да, - Жүрүңүздөр биякка, - деп чоң залга алып кирди.

Стол жасалып атайын бирөөнү күткөн түрү бар. Дароо эле аларга чай менен суусундуктарды куюп отурду. Канат: "Эмне, бизди өзүнчө сыйлап жолго салайын дегенби, качан келет кайната, качан таанышабыз?" деп ойлонуп калганда чай куюп тейлеп отурган немеси акырын чыгып кетти. Ал чыгаары менен салабаттуу, токтоо сүйлөгөн, ак чачтуу алтымыштын алы жагындагы адам кирди. Канат ордунан тура калып:

- Атсало-ому алейкум! - деп кол суна учурашты.

- Аллеким салам! - деп кол алышып калганда Асел эмне кылаарын билбей ордунан туруп уулун бооруна кыскан бойдон туруп калганда тигил адам жылдыздуу жылмая: - Сен Аселсиңби? - деди ага карай кадам таштап.

- ооба… - Асел акырын гана ошентти, мууну титиреп, карышкырдан корккон койон сымал чоочун адам менен кантип учурашаарын билбей туруп калды.

- Айла-анайын, - деп колун алга карай сунуп, ага жете келди да чекесинен өөп, бооруна кысты, - Кагылайын десе… - Аселди бооруна кысып турганда ал анын колдору калчылдап, бүткөн боюнун солкулдап жатканын сезди, өзү да ыйлап жатты, - Көрөт экем ээ, садагам десе, сени уккандан бери көрсөм дегенде эки көзүм төрт болду… - Ал Аселди кой берип уулун алып, - Бу жигитпи же кызбы? - деди.

- Уул… - Асел зорго жооп берди.

- Отур кызым, отура гой, келбей койобу дедим эле, ыраазымын. Кубанганымдан жүрөгүм кармап зорго эс алдым. Апаңдын кылганы да, кызым, мен аны кандай сүйчү элем… - Ал бир аз ойлуу отуруп калды, - Биз бири бирибизди аябай сүйчү элек. Сени өлдү деп койгон. Үч жыл болду, жолугуп калдык, - Күлө карады экөөнү, - Анан айтып жүрбөйбү, "Кызың бар, баккан апасы өлгөн экен, төркүнү жоктой кылбай катта" деп… - Унчукпай баланы улам өөп, эки колтугунан ала өйдө көтөрүп, силкилдете эркелетип атты, - Күчүгүм десе, күлүшүп калган тура, ээ жигит! Тааныдыңбы таятаңды? - дегенде Канат күлө жооп берди:

- Таятамды көрөм деп ээрчип келди да.

- Азамат десе, азамат! - көп сүйлөбөй эшикти карап койду эле бирөө баш бакты:

- Эмне кылайын?

- Сейтекти чакырып койчу! - дегенде Асел менен Канат: "Баласын айтып жатат го" деп бири бирин карап оюн жыйгыча эшиктен узун бойлуу, атасына окшогон татынакай, жыйырма бештердеги жигит кирип келип:

- Саламатсыздар… - деп туруп калды, - Ата, чакырдыңыз беле?

- Ооба, уулум. Мен сага айтып жүргөн кызым Асел, эжең менен учураш, - деди жылмая, - Менин уулум, - деп койду кайра аларды карап.

- Ассало-ому алейкум! - Канат өзү озуна тура калып ага да колун сунду.

- Менин атым Сейтек, - деп Канат менен кол алышты да, анан Аселге карап, - Саламатсызбы? - деп койду.

- Канат.

- Асел… - Асел башка эч нерсе дебей жылмайып койду.

- Асел… кызым, кеч болсо да жүз көрүшүп олтурганыма абдан кубанычтамын. Сейтекти жалгыз болуп калды деп өкүнчү элем, кудаага шүгүр, сендей эжеси бар. Эми экөөсүңөр, - бир аз унчукпай отуруп, кайра, - Эки жылдан бери жүрөк ооруга чалдыктым. Ишканамды Сейтек башкарып атат. Жакында үйлөнтмөкмүн, бүгүн тууган-урук, кудалар келишет, эртең үйлөнүү той өткөрөбүз.

- Жакшы. Келиниңиз каерден? - Канат сурап калды.

- Чүйдөн, Чоңкеминден.

- Келиниңиз ыймандуу болсун.

- Рахмат! - Асел менен Канатка карады, - Сейтекти жалгызсыратпай катышып тургула…

- Катташпай анан. Асел дагы "жалгызмын" деп ыйлап калчу, ырас болбодубу.

- Ал Саадаттын кылганы, канча сурадым, айтпай койду да ушу кезге чейин. Эки жыл мурун жолуксам эле "Кызыңдын аты Асел. Каттап тур" деп атпайбы, - күлүп калды.

Ошол кезде бала кыңкыстан ыйлай баштады эле, аны Аселге берди. Канат ошондо эсине келе калып:

- Биздин бир аз сизге арнаганыбыз бар эле… - деп ордунан турганда угуп тургандай бирөөсү сумканы көтөрүп кирип койду, - Асел, атама арзыбаса да сыйыбызды кылалы, - дегенде Асел сумканы ачып чапанды алып келип:

- Ушуну болсо да үстүңүзгө жаап койолу! - деп чапанды жаап, тумакты кийгизгенде:

- Ыраазымын, балдарым. Менин дагы балдарымдын колунан сый чапан кийээр күнүм бар экен, ээ, жараткан! - деп көзүнө жаш тегеренип кетти, - Кийимдин баасы эмес, ызаат, ниет менен келген кийим кымбат. Ылайым аягыңар бөксөрбөй, учугуңар узарып, өмүрүңөрдө кем болбогула, балдарым. Үйүңөргө кут консун, оомийин! - деп бата берип жиберди.

- Айтканыңыз келсин, Сейтекке эмне аларыбызды биле албадык, - Канат чөнтөгүнөн конверт алып чыгып, - Өзүң каалаганды алып ал, капа болбо, - деп колуна бергенде орусча өсүп калган Сейтек ордунан ыргып тура калып күлө карап:

- Коюңуз, тим эле коюңуз, ошо кантип болсун? - дегенде Айтбек аны карап башын чайкай:

- Уулум, жездеңдин колун уялтпа. Аселим салтты билген, нарктуу жерге туш болгон тура. Бул ызаат-сый, ата салты, ала гой, уулум! - деди ага. Сейтек жылмая аргасыз алып колуна кармап отуруп калды. Айтбек сыртты дагы бир карады эле, ооздо турган адам ары басып кетти. Бир аздан кийин түрдүү тамак салынган тарелкаларды көтөрүп жетип келишти. Стол үстү ансыз дагы дүйүм жер-жемиштерге, таттууларга толгон эле, ар биринин алдына келген тамакты карап: - Кана эмесе. Бир үйбүлөдөй боорлошуп тамактаналы, - деп жаңы эле тамакка кашык салганда бирөө келип Айтбектин кулагына бирдеме деп шыбыраганда, - Ар жакта кудалар үчүн жасалган бөлмөгө киргизе бергиле, туугандарды өзүнчө, мен шашпай барып жолугам, - деп койду.

Сүйлөшүп отуруп тамактанышты. Асел бала менен анча отуралбай жатканда Сейтек байкап калып:

- Эже, мүмкүнбү балаңызды алып турайын, сиз тынч отуруп тамактаныңыз, - деп кичипейилдик менен жанына барып эки колун сунду эле, Асел баланы берип отуруп калды.

Сейтек баланы жакшы көрүп ары-бери көтөрүп жүрдү.

- Тайкеси өтө назик, атаңоозун урайын, кыздай мүнөзү бар. Жалгыз деп көзүн карап чоңойттум, - деп калды Айтбек.

- Па-апа, ну помолчи! - Сейтек эрке мүнөзү менен жылмайып атасын тыйды, - Ошо кантип болсун?

- Болот, эмнеге болбойт экен? Эжеңе сени табыштабайынбы, мен болсо ооруп калдым, жүрөк оору оңой эме-ес, уулум… - Айтбек ойлуу колун салфеткага аарчыды.

- Коюңуз, ата, айыкпаган оору болобу? Мына кызыңызды көрдүңүз, неберелериңиз келет, анан кайра жашарып каласыз, - Канат көңүл улай сүйлөдү.

- Жөн гана айтып жатам, бирок оору менен ойноп болбойт да, балдарым, - Анан аларга карады да, - Мен азыр келем, коноктой келиптир, учурашып койойун, - деп чыгып баратып, - Сейтек, Албина кайда? Кайнежесине жүгүнтүп тааныштырбайсыңбы? - деди да басып кетти.

- Азыр… - Сейтек баланы көтөргөн бойдон чыгып кетти.

- Асел, Сейтек жакшы бала экен, кудай буйруса кайната укмуш киши тура, ооруп калганы чатак болуптур. Аялы жок окшойт, - деп Канат шыбырап калды эле, Асел аны тыйды:

- Койсоңчу, келатып угуп калбасын, аялы жок үчүн өзү отурат да, болбосо кошо келбейт беле? - Ойлоно калды, - Андан көрө келинге көрүндүгүң барбы?

Экөө сүйлөшүп отурганда Сейтек каткыра өзүнө бою теңдеш, ак жуумал келинди ээрчитип келип:

- Бул келиниңер болот, аты Альфина! - деди.

Колунда Калыбек жүрөт.

- Саламатсыздар! - келин ийиле жүгүнгөндө Асел жетип барып эки бетинен өөп:

- Кудай жалгасын, бактылуу болгула! - деди эле, Канат барып Сейтекке күлө карап:

- Келин баланын көрүндүгү! - деп миң сом карматайын десе ал каткырып:

- Коюңузчу, ошо кантип болсун, жана алдым болду, жөн коюңуз! - деп кармабай ары басты эле Канат анын чөнтөгүнө салып:

- Бул кыргыздын ырымы, алып коюш керек, - деп күлүп койду.

Альфина столго келип отурганда ал Канатка жылуу учурай берди. Төртөө отуруп сүйлөшүп отурганда Сейтек бала менен алек болуп күлдүрө ойноп атты:

- Ушу бала жакшы экен ээ, ыйлаган жок такыр. - деп Альфинага: - Карасаң? - деп койду.

- Кел, келе гой, - Альфина аны колу менен чакырганда бала култуң этип Сейтекке качса ал ого бетер сүйүндү:

- Сага барбайт, мени тааныйт, көрдүңбү, мен тайке болом!

Аны карап турган Канат менен Асел ичтеринен: "Таптакыр орусча сүйлөп калган экен, адамгерчиликтүүлүгү атасын тартса керек" деп ойлонуп отурушту.

- Альфина, ким дегендин кызы болосуң? - деп сурады Канат.

- Аскарбектин…

- Апаңдын аты ким?

- Шамалкан болчу, өтүп кеткен, - дегенде Канат:

- Ой, сен Шамалкан таежемдин кызысыңбы? Эң кичүүсү окшойсуң, берки бөлөлөрүмдү таанычу элем, - деп сураштырып калды.

- Сиз ким болосуз? - Альфина Канатты таң кала карады.

- Бактыкандын. Таятаң ким экенин билесиңби?

- Ооба-а, - деп көздөрүн чо-оң ачып карап, - Турус болчу, - деди эле Канат ордунан туруп келип аны кучактай чекесинен сүйдү:

- Бөлөм болот турбайсыңбы! Шамалкан таежем өлгөндөн кийин катышпай калдык, апам болсо карыган.

- Ооба, атам айтып калат.

- Жездем бүгүн келеби?

- Келет. Атам башка аял алган. Биз болсо баарыбыз чыгып кеттик, атамды жалгыз калат деп аял алып берип койгонбуз.

- Ырас кылыпсыңар, тойго таежелериңден, тайкең Бешубакты чакырдыңарбы?

- Ооба, тайкем биякта шаарда турат, ал атам менен иштешет.

- Ой жакшы болгон тура, таеже-тагаларым менен чогуу болот турбайбызбы! - Канат кубанып отурду.

Ошол кезде Айтбек кирип келди:

- Боорлошуп жатасыңарбы?

- Ооба-ооба, ата, сиз мага кайра куда болуп калдыңыз, - деп күлдү Канат ачыла.

- Кандайча?

- Альфина менин бөлөм да?

- Жакшы болгон тура, кайчылаш тууган болуп калабыз, азыр эле Бешубактар келди.

- Мен учурашып келсем кандай болот? - Канат ыйбаа кыла сурады.

- Ананчы, барып учурашып келгиле андай болсо, - деп Аселге карады, - Баланы Альфина менен Сейтекке бактырып кой, кененирээк басасың.

- Мм, ансыз деле Сейтек алып жүрөт, - Асел күлүп калды, - Тайкесине барып ыйлабай эле калды го, ыйлап атчу эле?

- Айла-анайын десе, басып барып Канат экөөңөр учурашып, сүйлөшүп келгиле. Анан өзүңөр эс алчу бөлмөнү даярдап койгом, Сейтек көрсөтүп берет.

- Ма-акул, - Асел Канат менен ээрчише чыгып кетти.

Айтбек аларды узата карап жаш кездеги жүрөк толкуткан мас кездеги сүйүүсүн көзүн жума эстөөгө мажбур болду…

Жүдөмүш менен Кыштообай жакын кошуна болчу. Айтбек менен Саадат кичинесинен эле бирге ойноп чоңоюшкан, ортолору эки жаш. Чоңоюп калганда экөөнүн балалык сезимдери сүйүүгө айланды. Айтбек Саадатты катуу сүйдү. Экөө дайыма түнкүсүн жолукчу. Бири бирине арналбаган сөз калган жок. Бир жолу Айтбек күтүп турса Саадат чыгып алып жанына келбей аны алыстан карап тура берди. Ошондо Айтбек тынчы кетип ары-бери басып жадаганда үйүнө түз кирип бармак болуп эшигине жеткенде Саадат бурчтан чыга калып:

- Күкүк! - деп ары көздөй жүгүрүп кетти. Артынан жүгүрүп жетип беденин үстүнө жыгылып үндөрүн чыгарбай кыткылыктап көпкө күлүп, анан, - Күткөн жаман бекен? - деди Саадат.

- Ая-абай жаман экен. Аз болгондо үйүңө кирип бармак элем.

- Койчу, анда атам өлтүрүп коймок, - Саадат наздана кыткылыктап күлүп койду.

- Ачык эле айтмакмын!

- Эмне деп?

_Саадатты сүйөм деп.

- Кантип? Мен мектепти бүтелек болсом. Атам мени союп таштайт. Экинчи кечикпейм, сени кара-ап турбадымбы!

- Эмнеге?

- Күтөбү же кетип калаар бекен деп.

- Кетмек турсун аз болгондо үйүңө кирмекмин да ачыкка чыгып алмакмын. Кыштообай менен Жүдөмүштүн куда болбогонун көрөйүн.

- Эмнеге, сенин атаң куда болбойм деди беле?

- Жо-ок, жөн айтып атам да. Мен армияга жазда кетем, сен окууңду бүтөсүң, анан сени бирөө ала качып кетсе эмне кыласың?

- Ала качпайт.

- Балким ала качат, ыйлап-ыйлап отуруп каласыңбы, айтсаң?

- Отурбайм ээк…

- Айтчы Саадат, мени сүйөсүңбү?

- Ай-ябай!

- Кантип, кандайча сүйөсүң? Сүйөөрүңдү билгизчи?!

- Эмне деп? - Бираз туруп, анан Саадат ойноо кыял менен кайра өзүнө суроо берди: - А сенчи? Кантип сүйөсүң?

- Менби? Мен сени сүйгөнүмдү дүйнө жүзүн жылаңаяк кыдырып, чөлдү кезип, деңизди кечип өтүп далилдемекмин!

- Мен дагы, адам баспаган тоону ашып, кишинин үнү угулбаган талааны кезип, сен үчүн уу ич десе баарын аткармакмын!

- Чын элеби?

- Чын!

- Жаным, армияга кантип кетем, мен кетсем эле сени бирөө алып кетчүдөй сезип кетким келбей жатат.

- А сен антпе, мен сени күтөмүн, келээриң менен үйлөнөбүз.

- Алтыным десе! Саадат…

- Ыя?

- Азыр үйгө барсам кайра сени көргүм келе берет да?

…?

- Айтсаң, сүйүү деген ушундай болот тура, ээ?

- Ошондой го?

- Сен мени ойлойсуңбу?

- Үйгө жөнөгөндө эле кайра жүгүрүп барып сени кетирбей тура бергим келет.

- Биз бактылуу болобуз, ээ?

- Ооба, сөзсүз бактылуу болобуз.

- Айтбек…

- Ийи.

- Тээ тиги эки жылдызды көрдүңбү?

- Ооба, көрүп турам, мынабу бу?

- Жо-ок, тигине!

- Аа-аа, эми көрдүм, ана!

- Ии-ий ошол, ошону дайыма экөөбүзгө окшоштура берем.

- Биз дайыма дал ошол жылдыздай чогуу болобуз, жанындагы жылдыздардай жайнаган балдарыбыз болот.

- Ай-ий, ошончо көппү?

- Бешөө же он…

- Көп ко?

- Эмне, көп баланы жакшы көрбөйсүңбү?

- Андай деле эмес, төрөгөндөн корком да…

- Коркпо, биз көп балалуу болобуз. Сен мугалим, мен юрист болом. Балдарыбыз акылдуу, сулуу болушат.

- Тилегибизди кудай берсе экен…. - Саадат ойлуу тунжурай Айтбектин ийнине башын жөлөй отуруп калды.

- Жаштын тилегин берет дешет ко чоң кишилер, биздин тилегибизди берет!

Ойлонуп отурган Айтбектин оюн Сейтек бузуп жиберди:

- Па-ап, сизди чакырып атышат!

- Азыр… - Айтбек ордунан туруп баратып "өх" деп алды: "Тилегибизге жетпей минтип кызым башка өсүп калды го, чиркин".

Жай басып кудалары тарапка кирди. Ал жерде Алтынкан, Жайдаркан, Бешубактар аны күтүп отурушкан экен. Учурашып конок үйдө алар менен сый тамакта бирге отурду. Айтбектин көз алдына улам жылт эте өткөн өмүрү келе берди. Аселди көргөн сайын Айтбек Саадатты эстеп кыйнала берди. Альфина бөлөсү Гүлүяны чакырган, бирок алар кечигип жатты: "Аттиң, Саадат бир аз күткөндө" деп күрсүнүп алды. Анын ички арманын эч кимиси сезген жок, тек жек-жаат, бир туугандар кезигишкенге кубанышып Сейтек менен Альфинага тилектерин айтып отурушту. Айтбек кайрадан аскерге кетээр акыркы мүнөттөрүн эстеп кетти:

Эртең жөнөйм деген күнү ал үйүнө досторун, классташтарын чакырып, чакан отуруш уюштурду. Ал кездеги жаштар ошентип салтанат менен жөнөчү эмес беле…

Ата-энеси кой союп үйүнө конок чакырып уулуна шарт түзүп берди. Кыз-уландар Айтбекти, аны менен чогуу жөнөй турган дагы эки жигитти аскерге барып аман-эсен келишин каалап жакшы тостторду айтып жатты. Ал жерде Саадат да бар эле, бирок ал коңшу катары отурган.

- Кана достор, Айтбек кыргыз элин коргогон жоокер болуп өз жерибизге аман-эсен кайтып келсин. Аскердин милдетиңди татыктуу өтөп кел, Айтбек! - деп бири тост сүйлөдү.

- ооба, татыктуу жоокер болуп келсин!

- Аман-эсен барып кел!

- Кат жазып тур бизге? - дешип чуулдап, винодон алып отурган жаштар биринен бири өтүп ак тилектерин айтып атышты.

Балдар антип отурганда Саадат акырын жылып сыртка чыкты, ушуну эле күтүп тургандай артынан Айтбек чыгып, экөө калың бак ичине кирип кетти. Кыштообай абдан багбан киши болчу, огороду толгон жемиш багы. Экөө чоң түп алманын түбүнө жашырынып отура калышты. Алма-өрүктөр гүлүн ачып тегиз аппак болуп турган кез.

- Саадат, - Айтбек демиге аны аста кучактады, - Саадат, күтөсүңбү мени?

- Ооба, күтөм!

- Чын элеби?

- Калп айтпайм, сени күтүүгө даярмын! - Кыз колу жигиттин мойнунда, - А сен мени унутпай кат жазып турасыңбы?

- Эч качан унутпайм, саат сайын, мүнөт сайын жазам!

- Унутуп калсаңчы?

- Эмнеге унутам, унутмак тургай, уктасам түшүмдө, күндүзү көз алдымда болосуң, - Айтбек кызды аяр өөп койду.

- Айтбек, сен жок аябай зеригем, сени сагынам го? - Кыз наздана шыбырады.

- Мен дагы сагынам го, алтыным… Саадат!

- Оов…

- Кел экөөбүз жатабыз.

- Кантип, уят го? - Кыздын жүзү албыра уялыңкы өзүн Айтбектен тартып алды, - Сен эки жылда келсең, а мен…

- Ошо жакшы, эч кимге кетпейсиң, өзүм келип дароо үйлөнүп алабыз.

- Болбойт ко? - Саадат арсар унчукту, - Мен уят болуп калбаймбы?

- Эмнеге, эч ким билбейт да? - Бир аз вино ичкен жаш жигиттин жүрөгү элеп-желеп боло делебеси козголо түштү.

- А сен мени сүйбөйсүң, болбосо эмнеге макул болбойсуң? Акыры үйлөнөбүз да, - Анан чалкасынан жата калып жымыңдай жайнап турган жылдыздарды карады, - Карачы, экөөбүздүн сүйүүбүзгө жадагалса жылдыздар менен караңгы түн дагы күбө!

- Билем, экөөбүздөн башка эч ким жок, асманда жылдыз, ана, тигинде ай чыгып келатат, тептегерек анан чо-оң болуп калыптыр…

- Келчи, Саадат, - Айтбек кызды алкымынан, жүзүнөн өөп, колдору анын кашатын көздөй жылып барат. Биз азга чейин каршы болуп колун түртүп жаткан кыз өбүшүүнүн лаззатына мемирей көзүн жума жигитти бекем кучактап, жаңыдан кылтайып чыгып калган көк шиберге денесин бош койо сулк жатып калды. Таттуу өбүшүүлөр, кыздын кыңкыс үнү… Көптөн кийин: "Апа-аа!" деп үнүн катуу чыгарып жиберип, унчукпай калды. Экөө тең асманды мелтирей карап кучакташа жатып калышты. Бир аздан кийин кайрадан аймалашуу, бири бирин өбүшкөн добуш, анда-санда "шыңк" эткен кыздын үнү… Таң сүрө балдар үйдөн чыгып экөөнүн жөн гана сүйлөшүп отурганын көрүп үйгө алып кирип коштошууну улантышты…

Саадат үйүнө кирип кеткен. Түшкө жакын коңшусунун үйүн акмалап карап турганда Айтбек чыга калды. Ал жанына келгенде колуна катты кармата коюп: "Кош, аман барып, аман кел" деди да, те-тез басып үйүнө кирип кетти. Катты шашып ачкан Айтбек : "Айтбек, кош бол, сүйгөнүм! Карааныңды көрүүгө зар болуп эки жыл бою көзүм тешилип жолуңду карап күтөөрмүн сүйүүм үчүн. Сени сүйгөнүмдү далилдеш үчүн аялуу жеримди да ачып, жүзүмдү биринчи өпкөн, этегимди биринчи ачтырган жүрөгүмдүн теңи катары өзүңө арнадым. Кыз баланын эң аяр жери ошол экенин билем, билип туруп кыз башым менен эркектин, сүйгөнүм сенин алдыңда алсыздык кылдым. Айтбек, азыр менин эки нерсеге жүрөгүм канап, көзүмдөн жаш агып турат. Биринчиси, жандүйнөмдү, жүрөгүмдү ээлеген, таза сүйүүмдү арнаган сен алыска, аскерге кетип жатасың. Экинчиси, кыз атымдан жаңылып, аял болуп, сенин куттуу төрүңдө, көшөгөнүн артында сага арналбай жылдыздуу түндө, көгөргөн шибер үстүндө арналганым. Кош Айтбек, мени унутпа, кат жазып тур, катыңды күтөм. Саадат" деген катты төш чөнтөгүнө салып ошол күнү эки сааттан кийин үйдөн чыгып кеткен…

Айтбек селт этип алды. Анын жүрөгү кармап калдыбы деп корккон Сейтек силкилдете кармалап атыптыр.

- Эмне болду, уулум? - Ал көзүн ача уулун карады.

- Па-ап, коркуп кеттим, жүрөгүң кармады деп, жүр эс алчы үйгө кирип, - Сейтек аны колтуктап сүйөй тургузуп үстүңкү кабатка чыгарып кетти.

- Куданын жүрөгү ооруйт тура, - Жайдаркан шыпшынып койду.

- Капырай, мындай жашоодо жашаса, баары бар болсо эмнеге ойлонот, бечара?

- Жүрөк деле башка оорудай, төрөлө элек бала порок сердца деген диагноз менен ооруп төрөлүп атпайбы, кудай жиберген кесел да.

- Ооба десең, жакшы болуп кетсин, деп аны көрүп боору ооруй эже-сиңди шыбырашып калды.

- Таеже, - Альфина Алтынканды карады, - Гүлүяны чакырганбыз, эмнеге келбей жатат?

- Кайдан билем, эртең келип калаар… - Алтынкан арсар унчукту.

- Ботом, менин Кудайбердимди чакырып койбойт белең? - Жайдаркан Альфинага таарыныч кыла кетти.

- Таеже, аны мен тааныбайм да, балаңызды ала келбейт белеңиз анан? - Альфина таежесине күлө карады.

- Ырас эле, тааныбайсыңар да-аа, - Жайдаркан өзүнчө күнөөлүүдөй отуруп калды.

- Таежелер, эми бөлөлөр чогулалы, башына Бешубак тагамды алып өзүбүзчө бир боорлошолучу, - Канат сөзгө кошулду.

- Таежеңер мага анда-санда барышат барса, барбаса жок, - Бешубак аларды карады, - Атамдар барында каттачу эле, алар жок мени да унутуп калышты, - деп өздөрүнчө сүйлөшүп отуруп уктоого киришти. Асел түнү менен уулу менен алышып уйкусу качты. Жол жүргөнгөбү же мындай көпчүлүккө келбегенгеби, чыргоолонуп атты. Ара-чолодо: "Аттиң, өз атам менен убагында, денсоолугу тазасында жолуксам эмне. Эми аман жүрсө экен. Атанын сүйүүсүн, эненин мээримин көрбөдүм эле, эми гана жеткенде жакшылап аталык сөзүн угуп, мээримин көрсөм экен" деп Айтбектин оорукчан болуп калганына зээни кейин атты. Эртең менен эрте туруп жуунуп, таранып, чайын ичкенден кийин Айтбек кирди.

- Кызым, уулуңду күйөө балага кармата тур, сен Альфина менен салонго барып кел!

- Эмнеге? - Асел ата дегенге оозу барбай уялып кетти да. Жер карап калды.

- Салонго барып чачыңды жасатып кел!

- Тим эле койойун, чачым узун да болбойт, түйүп алам.

- Жо-ок, болбойт, Альфинага дайындап койдум. Экөөң машина менен заматта барып келе каласыңар.

- Мейли, - Асел аргасыз макул болду. Канат дагы кошумча болду:

- Барып келе бер, уулум экөөбүз отура беребиз.

Асел аны карап жылмайып койду да, Альфина менен чыгып кетти. Альфина аны адегенде өзү барчу салонго барып экөө тең чачтарын жасатып атты. Аселдин чачы узун болгондуктан аны абдан кымбатка, бирок жакшы кылып жасап беришти.

- Оо-ой, сиз жөн эле укмуштай сулуу экенсиз, эже, атам сизди ошон үчүн салонго алып бар деген тура! - Альфина аны кучактап өөп койду, - Кайнеже, таажеңе! - деп эркелей колтуктап сыртка чыгышты да, дароо жөнөп машина Айчүрөк дүкөнүнө келди. Аерден тойлордо кийчү көйнөк тандап отуруп көгүш мала түстүү көйнөктү ага кийгизип көрүп:

- Эже, ушул сизге сонун жарашат экен, а сизге бактыбы?

- Жакты-ы, а акчасы кымбат го, Альфина? - Асел өзүн күзгүдөн көрүп таңгалганынан сүйлөй албай калды.

- Акчасын сурабаңыз, ал кеп эмес, башкысы сизге жакса болду. Сизге тим эле жарашып калды, эми сиз экөөбүз менин көйнөгүмдү тандайбыз.

Экөө үйлөнүү үлпөтүнө кийчү кийимдер дүкөнүнө келди. Аерден аны алышты да, Канатка абдан кымбат костюм-шымды сатып алып жетип келишти. Алан келгенде баары даяр болуп турушкан экен. Канат өз аялынын сулуулугуна таңгалып, ого бетер аны сүйүп турду. Чачынын жасалгасы, кийген көйнөгү, туфлиси өзүнчө эле көркөм. Алар кийинип чыгышканда Айтбек Аселдин ийнине колун арта кучагына кыса чекесинен өөп койду:

- Чырагым менин, көңүлүңө жакканын алдыңбы?

- Ооба, ырахмат сизге!

Асел жер карай толкунданганын жашыра атасына ыктай берип төшүнө башын жөлөй кубанычтан титиреп ыйлап турду: "Атакем менин, атам" деп көмөкөйүндө айткан менен сыртынан айта албады. Коноктор машиналарга отуруп уул-келин, дос-жоролору менен бир машинага отуруп жөнөй баштаганда Айтбек:

- Канат машина айдай алабы? - деди жылмая.

- Айдайт, мурда айдачу, азыр слесарь эле…

- Эң сонун, - короонун бир жагында үстү жабылып турган жаңы маркадагы машинанын жанына экөөнү ээрчитип келди эле, бир жигит жүгүрүп келип машинанын жабуусун ачып коюп басып кетти, - Бул машина силердики, кичинекей жээнимдин көрүндүгү! - дегенде Канат ыңгайсыздана:

- Ата! - деди эле ал колун көтөрө аны сүйлөтпөй койду:

- Мен эми Аселимдин "ата" деген сөзүн уккум келип турат.. - деп жылмая экөөнү карады.

- Ата, атакем менин! - Асел ошондо гана Айтбектин кучагына кулады.

Эки адам, бири алтымыштан ашкан агала чач, бири эми гана жашоонун кызыгына батып, кубаныч менен арманды ажырата билип калган кыркка чыгып-чагалек солкулдаган келин… Ата-бала, бири бирине дилин бере "ата-бала" деген ыйык сезимдердин кучагында бир топко кучакташып турду.

- Кудайга ыраазымын! - Айтбек Аселди кучагынан бошото чөнтөгүнөн машинанын ачкычын алып Канатка сунду, - Кана балам, эч ким тийе элек, өзүң рулга отур!

- Мейли… - Канат ачкычты алып машинага отурду да, от алдырып короодон чыгарды, - Кана бис-симилла!

- Ой азамат десе, кана кызым, эми сен отур, машинаңар ак жолтой болсун!

- Рахмат, - Асел кубанычы койнуна батпай Канатты жылмая карап отурду.

- Уулуңар үйдө калат, аны карап турушат, ресторанда бала менен кыйналасың, - деген Айтбек арт жагына өзү отурду да, - Айда балам, тигилерге жетели! - деп койду.

Канат машинаны зуулдата айдап, чоң жолго чыкты. Асел өрөпкүп негедир кыялы алда кайда учуп баратты: "Мен бактылуумун! Апаке, кечир мени баккан эмгегиңди актай албадым. Бирок алсыздык кылып жолдон адаштым, Канаттын мага деген сүйүүсү мени азаптан куткарды эле, мен баарына жетиштим. Кудайдын ушунусуна шүгүр, миң мертебе шүгүр" деп көз кыйыгы менен Канатты да жарашыктуу кийинтип галстук тагып койсо ого бетер салабаттуу көрүнүп калганына ичи жылый: "Менин ушундай күйөөм бар, бактым ушуга гана байланыштуу. Бактым, ырысым, менин туум" деп кулжуэдап койду. Аңгыча жетип келишти. Бакыт үйүнө келип уул-келинди кирип чыккандан кийин видеого тартып бирөө жүрдү. Сейтек жакка Асел, Альфина жакка Канат туруп экөө экөөнү колтуктап басып келип куттуктап анан машинага отурушуп "Кан-Теңири" деген ресторанга келишти. Столдорго жайгашкандан кийин Айтбек ордунан турду. Асел оң жагында, Канат сол жагында отурган.

- Урматтуу туугандар! - деп Айтбек сөз баштаганда баары тымтырс болуп калышты, - Урматтуу менин азиз конокторум. Уулум Сейтектин үйлөнүү үлпөт тоюнун эң башында мен сиздерге… - Аселди карап ымдап койду эле, ал жылмая ордунан турду, Айтбек аны ийинден ала, - Сиздерге мен ушул кызым Аселди, - Канатты карады эле ал тура калды, Айтбек экөөнө канатын жая колтуктап, - Бул Аселдин күйөөсү Канатты тааныштырып коюуну туура көрдүм. Асел Сейтектин бир тууган эжеси, Канат жездеси! - деп отургандарды кыдырата карады эле алар дуу этип кол чаап жиберишти. Асел менен Канат ызаат кыла отургандарга карап ийиле баш ийкеп коюшту, - Эмесе, урматтуу коноктор, эжесин менен жездеси Сейтек менен Альфина экөөнү куттуктаганы турушат, уруксаат болсо сөз берели!

- Азамат, сүйөлөсүн!

- Кана, эже, жезде, алга! - деп анча-мынча ичип кызуу болуп калгандары кубаттай кетти.

Канат менен Асел ордуларынан туруп Сейтек менен Альфинанын жанына барып экөө экөөнү колтуктай, Канат сөз баштады:

- Урматтуу бүгүнкү тойдун катышуучулары, садага Сейтек, Альфина, силерди бүгүнкү өмүрүңөрдө бир жолу болчу үйлөнүү тоюңар менен куттуктайм!

- Кагылайын иним, бүгүнкү эң кубанычтуу үйлөнүү тоюңар кут болсун. Келиним Альфина, силер силер улууну урматтап, кичүүнү сыйлаган, келечегиңер кең, алдыңардан бакыттын нуру жолуңарда жаркырап дүйнөдөгү бактылуунун бактылуусу болгула! - деп Асел Канатты коштоп кетти.

Андан кийин Канат:

- Ушул үлпөт тоюңарды куттуктап эже-жездеңдин атынан ушул бир бөлмө үйдүн ачкычын тапшырып коюуга уруксаат этиңиздер! - деп ачкычты колуна карматканда отургандар дүркүрөтө кол чаап жиберишти.

- Азамат, бир тууган деген ушу да!

- Айтыке, кыз-күйөөң азамат экен!

- Аман болушсун!

- Ушундай уул-кызың турганда бактылуу экенсиң! - деп бир топко уу-дуу болуп токтошту.

Алар ордуларына отургандан кийин кудалар тараптан, достору, туугандары катары менен сөз сүйлөп белек-бечкектерин тапшырып жатышты. Үйлөнүү үлпөт тою уланып жаштар ырдап, бийлеп, анан той аяктагандан кийин ошол жерден тарагандар кетишти да, өздөрүнө караштуулар үйүнө келишти. Уул-келиндин бактылуу жүздөрү албырып, бир аз шампан ичкенге каткырып күлө өздөрүнө караштуу кыз-уландарды ала келип үстүңкү кабатка чыгып кетишти.

Айтбек кудаларын өзүнчө коноктогону жылкы союп этин бышыртып үйүндө чоң стол даярдалуу экен. Кайрадан отурушту конок столго. Кудалар тараптан келгендер, Айтбектин туугандары суктанып да, таңгалып да жатышты:

- Айтбек кантсе да көп жылдар бою кызматта иштеп дүнүйөнү жыйган экен.

- Ой, андан кийин бизнеске кирип кеткен, чо-оң ишканасы бар, анда жүздөн ашык жумушчулары бар!

- Жакшы жигит болчу, өсүп-өнгөн экен.

- Баса, тигил Аземдин кызы Асел го?

- Ооба, ошол. Аземдин эшигине таштап кетпеди беле?

- Аа-аа байкуш, тим эле татынакай неме экен ыя, энеси ким экен анын?

- Ким билиптир…

- Эмнеси болсо да атасын таап алганын кара. Азем байкуш ушуну багам деп ишин таштап мээнет кылды эле го?

- Жумурткасында калган куштун баласы жарып чыкканда Күкүктүн баласы болуп калат имиш…

- Койсоңорчу ай, бирөө-жарымы угуп калса жаман көрүнүп каласыңар. Күкүк болобу, күйкө болобу, баары бир, ала кушту атынан айт деген ошо да! - дешип атты.

Айтбек бул убакта эс алууга өз бөлмөсүнө кирип креслодо отуруп алып өткөн өмүрүн кайрадан эстөөгө аракет кылды:

Саадат каршы болуп койгондон эки-үч күн өтпөй эле Айтбек шаарга кетип калды. Бир жылдай иштеп, кечки даярдоо курсунда окуду. Кийинки жылы педтехникумга окууга өтүп кетти. Башкалардай эле студент, күндүзү окуп, кечкисин иштеп, ата-энесине күч келтирбей өзүн өзү карап окуусун улантып жатты. Анын оюнан Саадат кетпейт. Бирок анын алдында өзүн күнөөлүүмүн деп жүрдү: "Эгер мен ага тийбей койгондо ал мени күтмөк, боюна болуп калып, элден уялып, ата-энесин уятка калтыргысы келбей айылдан кетип калган тура. Кокус өлүп калса эмне болот эле? Кечирилгис күнөөм бар анын алдында" деп ойлогону ойлогон. Экинчи курска келгенде кийинки курста окуган Мөлмөл аттуу кыз менен сүйлөшүп калды (Сейтектин апасы), Ал көздөрү карагаттай, арык, бою узун, чачы соорусуна түшкөн кыз эле. Аны Айтбек анча сүйбөдү. Кыз өзү шынаарлап, атайын шылтоолоп келе берчү. Бир күнү Айтбек:

- Мөлмөл, сен ушу бирөөнү жоготконсуң го, биздин жатаканага келип калчу болдуң, - деди тамашалай.

- Ийи, жоготком, ушул жактан таптым… - деп ажарлуу күлүп койду.

- Жоготконуңду тапсаң жакшы экен, такыр таптырбай кеткен жаман, - деп Айтбек тамашалай күлдү.

- Мен жоголгонду табууга өтө ыктуумун!

- Ой-оой, чын эле, ийнең сууга түшсө да таап аласыңбы?

- Табам, таптырбайм дегендер жаңылат, - Экөө бир топко тамашалашып туруп калды.

- Мөлмөл!

- Оов, айта бериңиз, - Кыз дилгирлене кулак төшөп калды.

- Мен сени менен бирге жоготконуңду издешейинби?

- Каршы эмесмин! - Мөлмөл бажырая карады, - Мага сизге окшогон жардамчы керек эле…

- Анда кеттик! Парктан издейлиби же кинодонбу?

- Киного караганда паркта көбүрөөк болот ко дейм?

- Кеттик анда, - Айтбек Мөлмөлдү чоочубагандай гана жеңил колтуктай парк жакка жөнөдү.

- Мени менен баскандан коркпойсузбу? - Мөлмөл аны сынай карап туруп калды.

- Эмнеге?

- Кызыңыз көрсө таарынып калат деп…

- Аа-аа, кадырыңыз жан болсун, бийкеч, менин андай оорум жок, болгон күндө да коркмок эмесмин.

- Анда башыңыз бош экен да? - Мөлмөл бырсылдай күлүп койду.

- Башы бош деп кимди айтат?

- Билбейм…

- Билбесең эмнеге антип сурадың?

- Башы бош деген… деги эле сүйлөшкөн кызы жок, же аялы жок жигиттерди айтат ко дейм…

- Кыздарды кудалаган жери болбосо же күйөөсү жок аялды айтат, эркектерге тиешеси жок.

- Кечиресиз… - Мөлмөл кербездене алга басып баратты, аны артынан карап кетип бараткан Айтбек мүчө боюна суктанып алды: "Сулуу кыз экен, төрт тарабы төп келген" деп ойлоп жете келди:

- Мөлмөл!

- Кулагым сизде, Мөлмөл артына кылчая карап койду.

- А сенин башың бошпу?

- Башымда бирөө бар!

- Аа-а… - Айтбек унчукпай калды, бир жигиттин мээсин айлантып жүрөм дечи?

- Мен анын эмес, ал менин башымды айлантып жүрөт

- Сиздей кыздын башын айлантыш оңойго турбаса керек?

- Билесизби, кыздар өтө жумшак, ишенчээк анан ак көңүл жан болобуз. Ал эми жактырган адамыңа кандайча байланып калганыбызды байкабай да калабыз…

- Аа-а баса, биз жок издебей эле узун сөзгө кирип кеткен турбайбызбы, - Айтбек аны карап күлүп калды.

- Мен уже таптым! - Мөлмөл күлүп коюп аны карай наздана, - Тапканымды байкаган жоксузбу?

- Жо-ок, билген да жокмун, - жигит анын оюн билип, туюп турса да сурап койду, - Анда мен кете берейинби?

- Издеп тапкан адамымдын ичин билип алгыча тура туруңуз!

- Эмне, аппаратыңыз барбы, текшерип көргүдөй?

- Аппаратым жок, бирок билип койом.

Экөө ары-бери басып жүрүштү. Айтбек кызга балмуздак алып берди. Анан экөө эки жакка кетишти. Ошондон баштап экөө жолугушуп жүрүп, кыз-жигит болуп калды. Мөлмөл Айтбекти жанындай сүйчү, жарым саат көрүшпөй калса куса болуп кетчү. Бирок кургур кыздын сүйүүсүн Айтбек кабыл алып койгон менен аны жан дили, жүрөгү менен сүйө албады. Аны жакшы көрөт, сыйлайт, бирок сүйбөйт. Жашоодо пенделер түрдүү, алардын жашоодогу орду, кулк мүнөзү ар башка. Мөлмөл өтө текебер, жалгыз эрке кыз экен. Акыркы курсунда экөө баш кошуп алды. Айылга алып барып ак никелеп, апасынын ак жоолугун салынтып, ак батасын алып кайра шаарга келишти.

- Айтбек, сен мени сүйөсүңбү? - деди Мөлмөл бир күнү.

- Эмнеге сурап жатасың, алтыным?

- Деги да, "өзүң сүйгөнгө эмес, өзүңдү сүйгөнгө жет" деген ырас болсо керек…

- Муну менен эмне айткың келет? "Үйлөндүң, үйдөй түйшүк мойнуңа илесиң" деген туура го, мен сени сүйбөсөм үйлөнөт белем?

- Жо-ок, сен мени сүйбөйсүң, жүрөгүңдө башка бирөө жашап жүргөн өңдүү сезилет, - ойлуу ага карады, - чыныңды айтсаң, Айтыке? - Мөлмөл ошол кезде кош бойлуу болчу.

Айтбек аны кучактап, көздөрүнөн өтө көтөрүп барып диванга отургузду:

- Мөлмөл, сен гана жүрөгүмдүн ээсисиң, жүрөгүмдө жашап жаткан да сенсиң!

- Чынбы? - Мөлмөл жаш баладай кубана Айтбекти бекем кучактап алып өпкүлөп жиберди, - Мен сенсиз жашай албайм, менин жаным, жүрөгүмдө айланып жаткан каным сенсиң!

- Сен дагы менин жанымсың, мөлт этип кулап түшчү тамчы сымал жоготуп аламбы деп корком. Тамчы жерге сиңип жок болоорун билесиң да.. Мынабу карагат көздөрүң, жаңырган айдай ийилген кашың, оймоктой оозуң мени алда качан өзүнө сиңирип алганын билесиңби?

- Биле-ем! - Мөлмөл ойно-ок жаш кыздай кыткылыктап күлүп калды, - сени кантип утуп алганымды айтып берейинби?

- Утуп? - Айтбек аны көңүл бура сөз күтүп калды, таң калганын билдирбеди.

- Биз беш кыз мелдешкенбиз…

- Эмнеге?

- Сени кимибиз каратып алабыз деп…

- Анан?

- Анан адегенде эки кыз сага аябай жакындап жүрдү, а сен аларды карабадың.

- Кимдер эле алар?

- Жамийла менен Чынар.

- Аа-а, сени менен окуган кыздарбы?

- Ооба, алардын сага тийишкенин билесиңби?

- Байкабаптырмын.

- Анда мындай, биз мелдеше кеттик, жеңип алганыбыз бирден шоколад менен киного билет утмакпыз. Бирибиз утуп кетсек төртөө жеңилмек.

- Кызык экен, эмне себептен анттиңер эле?

- Сен аябай суз, эч ким менен жүрбөгөн, сабакка кандай келсең, ошондой кетчүсүң. Биз таңгалчубуз: "бул неге кыздар менен сүйлөшпөйт, бир мандеми бар же эч кимди теңине албайт" деп.

- Анан эмне болду?

- Жамийла менен Чынар мага: "Сен аны тартышың мүмкүн, ал бизди карап да койгон жок" деп үчүнчү мени жиберишти. Бир жума мен силердин аудиторияга, жатаканаңарга барып жүрдүм. Анан өзүң сөз баштап калдың, ошол!

- Ой жиндилер десе-е! - Айтбек келинчегин кытыгылап жатып калды.

- Болду эми, ичимди оорутасың, - Мөлмөл ичин басып жатып, - Мен сени беш кыздан утуп алгамын!

- Мына сага уткан! - Айтбек аны кучактап алып өпкүлөп жатты.

- Кыздар сени ошондо: "Бул сүйүүдөн жинди болгон неме же жашоого кызыкпаган макулук сымал жан" дечү.

- Ой, тим эле укмушсуңар го? - Ойлуу чалкасынан жатып алып: "Туура тапкан экен. Сүйүүдөн жинди болгонум жалган беле?" деп Мөлмөлдүн чачынан бир колу менен сылай мелтиреди.

Мөлмөл тез-тез эле таарына берчү, ар дайым жалынып-жалбарып, эркелетип турууну жакшы көрчү, жалаң эле өзүнө көңүл буруп турганды сүйчү. Айтбек андай болбоду, жумуштан чарчап келет, эс алууну каалайт. Бирок аялы ар качан:

- Эмне, башканы ойлоп атасыңбы? - дегенин койбоду.

- Койсоңчу, Мөлмөл, чарчадым ишенсең. Жумуш деген жумуш да, андан көрө мага бирдемең болсо берчи, эс алайын.

- Мени менен сүйлөшкүң келбей калган го, көргүң дагы келбейт ко? - деп таарына түшөт.

Аргасы кеткен Айтбек аны кучактап өөп:

- Жа-аным, уулум чоңоюп атабы? - деп курсагын сыйпалап кучактап көпкөө отуруп, анан жазат. Ошондо гана Мөлмөл ордунан туруп тамагын апкелет.

- Сен билбейсиң да, ке-ечке сени күтүп эриги-ип жатам, анан сен "чарчадым" дейсиң…

- Мөлмөлүм, ойлочу, мен жыгач же темир эмесмин да. Сабакка барам, анан түштөнбөй туруп эле кайра жумушка жөнөйм…

- Мейли эми, чарчасаң эс ал, - деп Мөлмөл ыраазы боло төшөгүн салып берип, жанына жатып калат.

Айтбекти үйлөнгөндөн баштап ушундай түйшүктөр кучагына алды: "Оюна койсо күнү-түнү эле жата берсе. Деги мага бул түбөлүк жар боло алабы? Тажап баратам, төрөгөндөн кийин калаар" деп ойлонуп калчу болду. Ошол жылы окуусун да бүттү, уулдуу да болду. Кубанганын айтпа, студенттер акча чогултуп гүл көтөрүп алып төрөтканага барып куттукташты. Бир айдай Мөлмөл уулун жакшы көрүп, ага мээримин төгүп өзүнчө болуп жүрдү. Анан эле баласынын жалаягы жуулбай, же тамак жасалбай, жадегенде төшөгүн жыйбай жата берчү болду. Адегенде ага Айтбек унчуккан жок. Үйүн жыйышканга жардам берип, баласын алып туруп жалаягын жуудурат. Тамакты кээде өзү жасайт. Мөлмөл баласы бир жашка чыккыча эле ошол калыбынан жазбады. Ал турсун:

- Айтбек, мен аябай чарчадым, эмнеге эрте балалуу болдук? Жапжаш туруп күндө жалаяк жууп колдорум самынга тырышып баратат, - деп кабагын карыш салды бир күнү.

- Мөлмөл, аял төрөйт, бала багат, ал аялдардын милдети. Колуң тырышпайт, жапжаш эле бойдонсуң. Азыр көчөгө чыксаң сени кыз экен дешет, - Айтбек анын сырын билгендиктен мактоого өттү, - Сени бир баланын энеси деп ким айтат? - Ал имере кучактап көздөрүнөн сүйдү, - Жакшы аял он баланы төрөп бакса да картайбайт.

- Кантип эле?

- Ушинтип эле, балдарына мээримин чачып, алардын кубанычынан ырахат алат. Баланын ырахаты, эненин кубанычы дүйнөдөгү табылгыс бакыт эмеспи.

- Ой койчу ошол ырахатты! - Аңгыча Сейтек ыйлап калды. - Алчы балаңды, ушундай көргүм келбей калды, - деп каштарын жыя сыртка чыгып кетти.

Айтбек өзү баласын алып, жалаягын которуп, анан көтөрүп сооротуп жатты.

- Атасынын баласы го ушул, баатыр жигит болот ко ушул!

Мөлмөл кирип келди кайра:

- Басылдыбы? Ай ушунун ыйлаганынан тажадым!

- Кой антпе, мамасы, - Айтбек уулун анын жанына көтөрүп барып, - Уулуң "мама, мамак эмем" деп жатат, - Жылмая аны мойнун созуп өөп койду, - Карачы, курсагы ачыптыр, берчи мамагыңды!

- Эмеле эмизгем, кандай эле карды ача берет, - Мөлмөл анын колунан булкулдата баланы алып отурду да, эмизип калды.

Айтбек эчтеке ичпей чыгып кетти. Эмне кылаарын билбеди, ой-санаадан башы ооруп, жумушка кандай жеткенин байкабай калды: "Эмне кылышым керек? Өмүр бою мындай аял менен жашоонун өзү эле тозок эмеспи, айла канча, уулум үчүн жашоого туура келет, уулум үчүн!" деген чечимге келди да ишине киришти. Дипломун алгандан кийин өз кесиби боюнча мугалим болуп мектепке кирди. Ого бетер жумушу көбөйүп, мектепке барат, кайра келгенден кийин журнал толтурат, анын күнү бою колу бошобогону, көңүл бурбаганы Мөлмөлдүн жинин келтирет.

- Айтбек, мен чарчадым.

- Эмнеден чарчадың, жаным?

- Сенден, балаңдан, экөөңөр мени тажатып ийдиңер!

- Иштебей эле койойунбу?

- Мен аны айткан жокмун. Аялы, баласы бар киши катары кичине көңүл бөлүп койбойсуң. Бала менен отуруп эч жакка чыкпайм. Кир жууп, тамак жасап, үй жыйнап, кечке тынч албайм… - Мөлмөл ыйлап жиберди.

- Койчу эми, Мөлмөл. Сен энесиң, эненин мээрими чалкыган көлдөй терең, сүйүүсү чексиз, эненин ою терең, түбөлүк соолубаган булактай болуш керек.

- Терең болом деп көлгө, көз жашка чөгүп өлөйүнбү? - Мөлмөл Айтбекке ачуулана карады, - Минтип отурсам эки жылда жез кемпирдей болуп чачым агарып, бетим тырышып, адам кейпимен кетип калам го?

- Анан эмне кыл дейсиң? - Айтбек айласы кете аны карады.

- Кетем, балаңды өзүң бак!

- Кайда? - Айтбек чоочуп кетти, - Кайда? Эмне үчүн?!

- Ата-энемдикине!

- Экөөбүз бирге барабыз. Бир жарым жаштагы бала менен мен үйдө кантмек элем, жүрү кийин! - Ачуулана аялына буйрук берди.

Экөө уулун алып кайын-журтуна жөнөдү. Алар келгенде кайнатасы жок экен. Кайненеси үзүлүп түшө уулун ала коюп өөп-жыттап тосуп алды. Мөлмөл көзүнүн жашын төгүп отурду, жүйөөлүү айтаар сөзү жок. Акыры айласы түгөнгөн эне өзү кошо келип каралашмак болду. Ошентип Мөлмөл дагы бир жыл зорго чыдады, анан атасы келип акыл-насаатын айтса да болбоду. Сейтек үчкө чыгып-чыгалекте Мөлмөл айтпай-дебей кат жазып коюп кетип калды. Айтбек кайната-кайненесине уулун көтөрүп алып келди, бирок аерде Мөлмөл жок экен. Башын мыкчыган Айтбек жаңыдан "ата, апа" деп сүйлөй баштаган уулун бооруна кысып баса берди. Кайненеси ага: "Кыйналсаң биз багып берели" деди эле ал болбоду. Ошол күнү баласын коңшусуна дайындап жумушунан жооп сурап келди да, ата-энесине уулун жеткирип келди. Сейтек окуй турган болгондо шаарга алып келип алды да, мектеп-интернатка киргизип койду. Өзү жумушун таштап бизнеске кирди. Ошол бойдон үйлөнгөн жок. Мөлмөл кайрылып келбеди. Эки жыл мурун Саадатка жолугуп калды. Ал шаардагы белгилүү ресторандан тамактанчу. Саадат кыз-күйөөлөрү менен отурган экен. Ошондогу Айтбектин абалы абдан оор болду. Бирок өзүн кармай атайын басып барып учурашты.

- Кандай, Саадат, жакшысыңбы? - Эңкейе берип салам айткан салабаттуу бул адамды Саадат адегенде тааныбады.

- Жакшы-жакшы, сиз кимсиз? - Уул-кыз, кыз-күйөөлөрүнөн чочуладыбы, уялдыбы, кымырына суроолуу карап калды.

- Тааныбадыңбы мени, Саадат, кошунаңды тааныбай калсаң карыпсың… - деп күлүп калганда ал дагы ыңгайсыздана ордунан тура калды.

- Жакшысыңар, - жанындагыларды карап, - Булар менин уул-кыздарым, күйөө бала, келиндерим, а бу киши болсо таятаңдардын жанындагы коңшусунун баласы, бирге чоңойгонбуз, - деп күнөөлүүдөй карап туруп калды, - балдарым шаарга келсем сыйлайбыз дешип…

- Азамат, ата-энени сыйлабаган бала болбойт, жакшы экен… - Айтбек да андан ары сүйлөй албай туруп калганда:

- Байке, отуруңуз! - деди уулу кичипейилдик менен.

- Аа-а, рахмат, мен күндө ушул жерден тамактанам, апаң Саадатты таанып калып эле…

- Эчтеке эмес, коңшу болуп чоңойсоңуз да таанып учурашып койгонуңузга рахмат, - Дагы бир кызы сыпайы айтты.

- Аябай ынак элек, мен карындашымдай көрчүмүн. Эгер силер маакул десеңер Саадат менин жумушумду, үйүмдү көрүп конок болуп келсин, - деп суранды эле, балдарынан мурун Саадат:

- Убактым аз эле, эртең кетмекмин, тим эле коюңуз! - деп жиберди.

- Апа, улуу киши суранып жатканда барып келиңиз, бала кезиңиздерден коңшу болуп чогуу чоңойсоңуздар, бу киши да көрүп жүргөн адамдар менен сүйлөшкүсү келет да, - деп Союзбек апасына карады, - барып келиңиз!

- Олда балам ай, дегеле жаштыгың калбайт. Эртең кетпесем атаң жол карап калат ко? - дегенде Айтбектин жүрөгү тыз этип алды: "Аял деген ушундай болсо, баласын алган жарын сыйлаган" деген ойду ойлоп ийди.

- Саадат, үйгө барып кет, сыйыбызды көр, анан жеткирип койом.

Саадат балдарын карап үнсүз отуруп калды. Улуу уулу менен кичүү уулу аны көндүрдү. Ал ордунан тура Айтбектин катарында кетип жатты, ресторандан чыгып машинанын эшигин ачып отургузуп өзү рулга отурганда аларды ичтен карап турган Союзбек:

- Байкадыңарбы, апам экөөнүн ортосунда бир ыйык нерсе бар, апам ошондой сыйга, сүйүүгө татыктуу аял, атамды сүйбөгөнүн алда качан эле сезгемин. Билесиңерби, мен апамдын жаш кезиндеги сүйгөн адамынан келген катты окуп койгом, аны алигиче катып жүрөт, - деп жылмайып койду, - Карып калды, бир жолугушуп сырдашып алсын.

- Өзүңүз уруксат бердиңиз, өзүңүз билесиз да? - Сегизбай ордунан турду.

Айтбек үйүнө айдады, келгенден кийин абдан сыйлады. Анан экөө экинчи кабаттагы залга чыгышты да, сүйлөшүп отурушту.

- Саадат, кандай анан жашоо? Балдарың чоңоюп калыптыр, - Айтбек столду анын маңдайына жылдырып отурду.

- Кудайга шүгүр, чоңоюп калышты. Сенин алдыңда кызым Аселдин алдында күнөөм чоң, ырас жолуктуң, Айтбек. Өмүрүм өткүчө жашырып өтөм деп ойлогом, бирок ага кудуретим жетпей баратат…

- Саадат, эмне деп атасың, кызым дейсиңби? - Айтбек анын ээгинен өйдө көтөрдү, дал кыз кезиндегидей, - Асел ким?

- Асел - экөөбүздүн кызыбыз!

- Ал өлүп калды дебедиң беле?

- Жалган айткам, Азем эжейди аягам…

- Ошого бердиң беле?

- Берген эмесмин, таштап койгом. Ал менин таштаганымды билчү эмес, айтуудан айбыктым…

- Оо жараткан, өз канымдан жаралган баламдын кадам жерде турганын сезбей жашап жүргөнүмдү кара! Ал азыр кайда? - Айтбек башын мыкчый өзүн койоорго жер таппай жатты.

- азыр ошол айылдын жанындагы Кызартта турат. Үйбөлүсү бар, бирок төрөбөй калды деп уктум.

- Оолда жараткан, сен экөөбүздүн күнөөбүз үчүн ал азап тартып калган тура. Баланын кадырын билбей…

- Койсоңчу Айтбек, мен ошондогу абалымдын кандай болгонун сага айтпадым да. Аргасыз болчумун, ишенсең ээн талаа, караңгы түн… - Саадат үнсүз ыйлап отурду, - Жакшы эле ошол мүнөттөрдө экөөбүздү тең алып кете гөр деп кудайдан тиледим, бирок эртеси чуулдаган элдин ушагын элестетип, ала барган ороого ородум да, аны эженин эшигинин алдына таштап коюп өзүм дагы түндөп кетип калгам. Мени издеп убара болбосун деп кат жазып таштап койгом.

- Мейли анда, Саадат. Кеч болсо да айтканың жакшы болду. Уулум жалгыз, кызымды таап буйруса тааныштырам!

- Ошент, Айтбек. Ал азыр жападан жалгыз калды. Баккан энеси да өлүп, төрөгөн баласы жок абдан жаман болуптур, күйөөсү жакшы дейт, - Саадат укканын бүт айтты.

Көпкө сүйлөшүштү. Анан кечке маал центрге алып келип:

- Саадат, эми жолугабызбы, жолукпайбызбы - кудай өзү билет. Сага бир жакшы белек алып берейин, - деп алтын дүкөнүнө ээрчитип кирмек болгондо:

- Айтбек, койсоңчу баланын кылган ишин кылбай, аны көрсө балдар эмне дейт, жөн эле койчу? - деди ыңгайсыздана.

- Жо-ок, экөөбүздү кайрадан кудай жолуктуруп жатат. Менин ойлогон оюм, максатым аткарылбай калган, эми… - деп түшүп келип аны машинадан түшүрө колтуктап дүкөнгө алып кирди. Өзү тандап кымбат алтын сөйкө менен шакек алып берди да, айткан дарегине жөнөдү. Жолдон токтотуп:

- Саадат, өмүр бою сени эстен чыгаралбай, бул өмүрдөн жалгыз өтмөк болдум… - деди асты жагын телмире тиктеп. Ошол кезде Саадаттын жүрөгүнө канжардын мизи байкоосуз тийип кеткендей зырп этип көзүнөн чаар чымын уча түштү: "Аттиң, мен деле канча жыл ушул адамды эстеп, далай көз жашымды төкпөдүмбү, кетип эле калсам болмок экен деп канча өзүмдү кыйнадым. Тагдырыбыз ушул тура" деп телмирип отурганда Айтбек аста гана кучактай:

- Адам чиркин өмүргө өксүк менен жашайт экен. Өкүнүү болбосо жашоонун кызыгы кайсы, - деп аяр өөп койду, - Жакшы жүр, аман бол эми, балдарың дагы күтүп жаткандыр… - Машинаны жылдырып үйдөн алысыраак токтотту да, - Кел эми коштошуп койолу? - деп жылмайганда Саадат үнсүз аны бетинен өөп:

- Жакшы тур, сыйыңа ыраазымын, - деди.

Экөө бир топко машинанын ичинде кучакташып турду да, эки бөлүнүштү. Бир жүрөк экиге бөлүнгөндөй сайгылашкан жүрөктөр…

Айтбек ушуларды ойлонуп отуруп көзү илингендей магдырап баратканын бир билет, көзүн ачса ооруканада экен. Жанында Сейтек менен Альфина, Асел менен Канат, кудалары, достору турат. Көрсө катуу ойлонуп койгонбу, жүрөгү кармап эч нерсе билбей калып эртеси эсине келген экен. Ооруканада бир жумадай жатып чыкты. Асел менен Канат кетпей ошол жерде. Үйүнө келгенден кийин Калыбекти эркелетип колунан түшүрбөй атты, анын күлгөнү, үн салганы ырахатка бөлөп, кемтиги толгондой, оорусу айыккандай сергилең. Бүгүн эртең кетмек болуп Канаттар камынып жатышкан. Ошол күнү Альфина:

- Гүлүя күйөөсү, кайненеси болуп келатыптыр, күтүп жолугуп кеткиле! - дегенде Асел Канатты карады. Ал эрдин кымтый "унчукпай тура бер" дегендей белги берип койду. Кечке маал дарбазанын түбүнө машина токтоп калганда ачып ичкери киргизишти. Асел төркү бөлмөдөн чыкпай отуруп алды. Канат ага шыбырай:

- Кайната менен кайненем кантип учурашаар экен? - деп күлө чыгып кетти.

Гүлүяны Альфина менен Сейтек тосуп алды. Саадат үйдү көрүп эле дароо билди, билгени менен кантмек, үн дебей алар менен учураша Сейтек менен Альфинаны өөп үйгө кирди: "Гүлүянын бөлөсүн келин кылып алган тура, балакет. Эми жолуга берет экенбиз да" деп суз отуруп калганда Альфина:

- Сейтек, атамды чакырып кой, бөлөм келди, - деп калганда Сейтек үстүңкү кабатка чыкты:

- Ата, келиниңдин бөлөсү келди, кечирээк келип калдык деп кечирим сурап атат, - дегенде ал аста башын ийкей небересин көтөрүп алып ылдый түшмөк болгондо Асел:

- Ата, баланы мага эле берип коюңуз, - деди.

- Аа-а, мейли кызым, - Айтбек жай гана баланы Аселге берип ылдый түшүп кетти.

Алдыңкы кабаттагы конок бөлмөгө кире берип кетенчиктей түшүп, ылдамдай соккон жүрөгүн токтото көкүрөгүнө колун алып барды: "Оо кудай, кубанычка да ушунчалык бош болуп калдымбы, же өмүрүм бүтүп баратабы? Саадатты узатайын, анан мейли" деп бозоро түшүп өзүн кармана басып келип баш ийкей учурашып:

- Келгиле меймандар! - деди араң эле.

Сейтек байкап калып дарысын көтөрүп келди:

- Ата, дарыдан ичиңиз, өңүңүз жаман болуп турат.

- Эчтеке эмес, уулум. Жүрөктүн эмнеси калды дейсиң… - Айтбек креслого отуруп таблетка ичип бираз үнсүз отурду да, Саадатты карай сөз баштады:

- Жакшы жүрөсүңөрбү, бөлөлөрдү катыштырып жакшы иш кылдыңар, - деп кайра унчукпай калды да, - Сейтек, мени өз бөлмөмө алып барчы! - дегенде Сейтек менен Канат аны сүйөй алып чыгып кетишти.

Саадат эмне кылар айласын таппай: "Келбей койсом эмне. Мени көрүп ооруп калды, жүрөгү оорукчан болуп калган тура", - деп ойлонуп түзүк тамак-аш жегенге жарабай түпөйүл санаалуу болуп жатып калды.

Айтбекке врач чакырып үйдөн укол сайдырып эс алдырышты. "Ордунан тургузбагыла. Көп ойлонбоңуз. Эгерде ойлонбой бир жылга чейин жакшылап дарылансаңыз сакайып кетесиз" деп кетти врач. Эртеси турбады. Асел менен Канатка : "жакшылап коноктогула" деп тапшырды. Ансыз да кызматчылары улам жаңылап тамак алып келип жатышты. Гүлүя кетебиз дегенде Аселге:

- Асел, апаңды мага чакырып койчу, - деди.

- Азыр… - деген Асел ылдый түшүп барып Саадатты өзүнө чакырып, - Сизди жолугуп кетсин деп жатат, - деди.

- Ооруп калбасын, жолукпай эле кете берейин дедим эле… - деп Саадат Аселди күнөөлүүдөй карады.

- Азыр жакшы эле, врач турбай жатыңыз деген, ошого…

- Мейли, байкушум ай, оорукчан болуп калган тура, - деп үстүңкү кабатка чыгып чалкасынан жаткан Айтбектин өңүн көрүп жүрөгү сыздап кетти.

- Кандай, жакшы болуп калдыңызбы? - Саадат жанына коомай отура калып колдорунан кармай калды.

- Жакшы элемин, кубанычты да көтөрө албай калды курган жүрөк…

- Көп ойлоно бербесеңчи. Жүрөк оорунун себепчиси санаа, ой эмеспи, өзүңө кара. Мына Аселди болсо таапсың, ушулардын чайын ич, сыйын көрүп, неберелердин ырахатын көр, Айтбек. Мен сенин үйүңө келээримди билбедим, билгенде…

- Билсең келбейт белең, Саадат? Антпей келип тур. Кудай бизди кайчылаш жолдордон жолуктуруп жатат, - Айтбек Саадаттын колун аста өөп койду, - Тагдырыбыз бизди эки жээкке сел агызган агындыдай таштап коюп, эми кайрадан бир акырдан жем жедирип атпайбы, биз баарын көтөрүшүбүз керек!

- Ооба, көтөрүүгө тийишпиз дечи, сенин ооруп калганыңды көрүп жаман абалда калдым.

- Антпе, Саадат, андан көрө… - Айтбек тунжурай түшүп, кайра, - Андан көрө кокус менин көзүм өтүп кетсе катташып, баш-көз болуп тур. Ырас, тез-тез келалбайсың дечи, бирок анда-мында кабар алып тур. Аселди болсо жакшылап карап, кемчил кылба, ушунча жыл ата-энеден чоочун болуп жүргөнү жетишет.

- Андай дебечи, Айтбек, сакайып, уул-кызыңа менден мурун өзүң бел бол!

Экөө көпкө отуруп, анан экөө коштошушту:

- Кош, асылым. Кудуретим жетсе он-он беш жыл жашасам болмок, кудаанын айтканындай болот да. Балким дагы жолугаарбыз.

- Кош эмесе. Ылайым сакайып кетишиңди тилейм! - Саадат эңкейе жүзүнөн сүйүп шарт бурула чыгып кетти.

Алар кеткенден кийин Асел Канатка:

- Эми дагы эки-үч күн чыдайлы, кызым эмне болду экен, балдар тоодон келдиби?

- Кудай сактасын. Санааркаба, жаным. Бу кишини бул бойдон таштаганда болбойт. Жакшы болуп калса кетебиз, - Канат Аселди өөп койду, - Аз күн чыда!

Ошондон бир жумадай болгондо Айтбек жакшы боло албай жүрөгүнөн операция болмок болду эле, Аселдер үйүнө барып келмек болуп жөнөп кетти. Канат инисине баарын түшүндүрүп коюп, анан кайра Кадичаны алып келип калышты. Кадича аларды ээрчип туруп алды эле, ээрчитип алышты. Алар келгенде Айтбекти ооруканага жаткырып операцияга даярдап жатыптыр. Үч күндөн кийин жасайбыз дешти. Экөө ээрчишип барышып, бул жолу Кадичаны ала келишкен эле, аны көрүп Айтбек кубанып өөп сүйлөшүп отурду. Үч күндөн кийин операция болуп, врачтар күтүп тургандарга:

- Буйруса жакшы, эң жакшы болду! Он күндө үйүңөргө аман-эсен барып калат, - дешти.

Айткандай эле операциядан кийин Айтбек кадимкисиндей болуп кетти. Канаттар азыр бат-бат каттап турушат. Жашоонун кызыгы, дүнүйөң түгөл, санааң жок, кардың ток болсо ошондо гана даамдуу тамакты жеген сайын жегиң келип турган сымал жашагың келип, өмүрдүн арты өкүнүчсүз өтө берет экен. Аселдин бир кездери баарынан көңүлү калып, жашоодон кечүүгө даяр болгон күндөрү артта калып, бактылуу күндөрдө кыштын ызгаарлуу күнү да жадыраган жаздай сезилип жашоонун кызыгы эми гана башталгандай таңдын атканы сайын жаңы төрөлгөндөй ырахаттана өмүр кечире баштады. Эх жашоо, табышмаксың, сырдуусуң… Таттуусуң!

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз