Айгүл ШАРШЕН


"Өзөк өрттөгөн өкүнүч"


- Кандай Зуура эже, отурасызбы зерикпей эле?

- Эмнеге зерикмек элем, кел, - Зуура ага жылмая карап төрдөн орун көрсөттү, - Отур, чай-пай ич!

- Убара болбоңузчу эже, мен жөн эле келип калгам, кайненем үйдө жок, зериккенимден сизге басып келгем.

- Апей, ушунча келгенден кийин отуруп чык.

- Мейли отурса отурайын, - Кумарбү отуруп калды, жүзүндө санаа бардай муңайым боло түштү. Ал эки-үч там арыраак коңшусунун улуу келини эле. Ушуну менен үч күйөөгө тийсе да төрөбөптүр. Күйөөсүнүн үч баласы кээ-кээде келип турат.

- Ийи сүйлө Кумаш, кайненең кайда кетти эле? - Зуура чай сунуп атып сурап койду.

- Кудагыйыныкына кеткен, кызы чакырса керек, мага айтпайт деле…

- Ошо курусун, чөптү кордосоң көзгө зыян деген, сени кордосо корун тартаар, кирип-чыгып керээли кечке жаныңды тындырбай жумушун жасап отурасың.

- Ээ эже аны бир айтасызбы, эки айтасызбы, кайра-кайра күйөөгө тийгенден көрө деп чыдап жүрөм да, кантейин анан. Жок дегенде бирди төрөп алсам ошону караан кылып жалгыз жашай бербейт белем… - Кумарбү арыз арманын айтып отуруп ыйлап да алды.

- Кой кейибе, кудай берээрин унутпаса дале жашсың, көп кейий берсең оорукчан болуп каласың, - Зуура ага акыл-насаатын айтып көпкө отурушту. Аялдык назиктик, мээрмандык, айкөлдүк экөөңдө тең бар эле. Кумарбү бирөөгө жаман айтып, же бейчеки сөз оозунан чыкпаган жан. Мурдагы эки күйөөсү аны аргасыз кетирген эле. Төрөгөн баласы болбогон соң ал өзү да тура албады. Күйөөсү Болсунбек ага көз карашы түз эле, кайненеси гана кирип-чыгып аны жаман көрүп, мурдун чүйрүп шыбырап-күбүрөй берет. Болсунбектин биринчи аялы үч баласын төркүнүнө таштап күйөөгө тийип кеткен. Көп сүйлөбөгөн жоош, момун неме өзүнчө кысылып, кээде Зуурага келип ичтеги сырын айтып, төгүлүп-чачылып алмайы бар.

Зуура аны жөнөтүп коюп мектепке жөнөдү: "Окуучулар тарай турган болуп калды, эртерээк жууй койойун" деп шашылып баратты. Келсе окуучулар жаңыдан тарап калган экен, бошогонун жууп баштады. Коридордун башынан аягына чыгып жууп болуп эми кийимин алмаштырып чыга бермек болгондо коридордон аны мектептин кароолчусу Шакир тосуп алды:

- Кандай Зуура, дегеле көрүнбөйсүң да, качан болсо сага жолуга албай калам.

- Жакшы, өзүңөр кандай, - Зуура аярлай туруп калды.

- Баары жакшы, ушу сага эле жолуга албайм, - Шакир Зууранын колун кармай кысып койду.

- Тынччылык элеби?

- Тынччылык эле, сени бир жакшылап сыйлап койойун деп өзүңдү жолуктура албайм.

- Эмнеге сыйламак элеңиз, сиз экөөбүз сыйлаша турганга себеп деле жоктур?


- Баары болот турмушта Зуура, чынында сен деле, мен деле жалгыз бой экенбиз…

- Кызык, жалгыз боймун деп маңдайыма жазылып калыптырбы? - Зуура жылмая тамашага чала сурап койду.

- Зуура, түшүнсөң эми, жазылбаса да билем да, өзүң башкача жансың, канча ирет сөзгө тартканга аракет кылсам деле көңүл бурбайсың.

- Шакир аке, капа болбоңуз, менин убактым жок… - Зуура өтө берейин дегенде Шакир аны колунан кармай калды:

- Бир азга токтой турчу Зуура, мени билесиң го, кармалаар эч кимим жок, жалгыздыктан тажап да бүттүм, - дегенде Зууранын эки бети кызара эки жагын каранып сөз таппай туруп калды:

- Мен шашып жаттым эле, дагы жолугарбыз… - деп колун тартып алып шашыла басып коридордон чыгып кетти.

Шакир эчтеке дей албай кала берди. Зуура мектептен кандай чыгып, үйүнө кандай жеткенин сезбей калды, мууну билинээр билинбес калтырап, кирип келип эле отура калып, колу менен бетин басып үн чыгарбай ыйлап ийди: "Жараткан ай, неге өзүмдүн жалгыздыгымды, мен дагы тирүү жан экенимди ойлободум, ырас эле канча жылдар бою жалгыз гана уулумдун амандыгын ойлоп, өзүм жөнүндө ойлобоптурмун го?" деп эчкирип ыйлап жатты. Күүгүм кирип калса дагы жарыкты күйгүзбөй мелтиреп отура берди. Шакир жалгыз бой адам, мектепке иштегенден бери аны сыртынан тааныса да бет келип сүйлөчү эмес: "Деги кызык жанмын, айланамдагы адамдар менен да ишим жок, бир макулуктай жашап жүргөн турбайынбы, менин жашоом Жайлоо менен эле бүттү дегенмин го", деп ордунан турбай көөдөй караңгылыкта жан адам жоктой тунжурап ойлуу…

Зууранын үйү айылдын орто жеринде жалпак там, коңшулары деле андай ашыкча эмес, болгону балдары кирип-чыгып, уул үйлөп кыз чыгарып бака-шака болуп кирип чыккандардын аягы тынчу эмес. Коңшусу чакырса кадимкидей эле алыш-бериш кылганы менен ичкилик ичип алар менен отурчу эмес. Керээлден кечке тиричилигин жасоо менен алек болчу. Колунан баары келет, жалгызынын келечегине кам көрүп колунан келгенин жасап күн өткөрчү. Жайлоонун көзү өткөнүнө он беш жылдан ашса да убакыт ал үчүн тар болуп сезилчү, өбөк-жөлөк болчу ага-ини же эже-сиңдиси жок эле, кыйыр туугандары болгон менен алар анда-санда гана каттабаса пайда зыяны жок…

Ушуларды ойлоп отуруп анан ордунан турду да жарыкты күйгүзүп алып үйү көзүнө суук көрүндү, кунарсыздай сезилди. Эмне кыларын билбей жүктү ачып төшөк алды да салып, башына жаздыктан бийик коюп жатып алды: "Уулум келип үйлөнсө, үй-жайды оңдоп алса, бала-чакалуу болсо алар менен алаксып калам, үйүм толуп эл катары жашайм" деп ойлоп андан ары балалык чагын көз алдына келтирип жылмайып алды…

Атасы Токтобай абдан жоош, момун жигит эле. Бир тууган эже-карындашы бар, ата-энесинен эрте калып улуу эжесинин колунда чоңойгон. Уулжан экөө үйлөнгөндө жыйырма беште болчу. Токтобай менен Уулжан беш балалуу болушту, бирок такыр токтободу. Уулжан этек астынан балдары чарчай бергенге жүрөгү оорукчан болуп калды. Ошол жылы дагы бойуна болуп жер которуу үчүн тагаларынын айлына барып эски үйгө баш пааналап жүрүп эгиз кыз төрөп алды. Уулжан төрөп эле үч күндөн кийин кете берди. Эгиз кыздарынын бири да каза болуп калды, акыры Зуурасын тагасынын аялы энчилеп багып алып, Токтобай карайлап үйүнө жалгыз келди. Ошол бойдон үйлөнгөн жок. Жалгыз тирилик кылып Зуурасынан кабар алып турат.

Зуура жети жашка чыкканда тагасы ага:

- Токо, сен кыйналып кеттиң жалгыздык жаман, үйлөн десек болбодуң, Зуураны жаныңа алып караан болуп оокатыңарды кылгыла эми, баланын азабынан ушинтип отурсаң кызыңды сенден бөлгөнүбүз болбос, - деди.

- Макул тага, жалгызым жаныма эш болсун, силерге ыраазымын, кыйын күндө жардам бердиңер, -Токтобай башын жерге салып үңкүйө жооп берди, - Мен эми кайдан үйлөнмөк элем?

- Жашың кырк бешке эми келди, алтымыш, жетимишинде деле үйлөнөт тура, ылайыктап көрсөк байкаарсың…

- Жок тага, үйлөнбөйм, убара болбогула, - Токтобай ордунан туруп Зуураны бир колу менен жетелеп бир колуна кызынын кийими түйүлгөн түйүнчөктү алды да жолуна түштү. Аларды узата караган тага-таажеңеси сөз айталбай аянычтуу:

- Байкуш ай, өтө эле бош жаралып калганын кара, Тоту менен Бопу деле карап коюшса болмок, - таажеңеси күйөөсүн карап үн катты:

- Алар деле жыргап кетишпесе керек, эгер турмуштары жакшы болсо кабарлашып турат эле го?

- Алар аялынын өлгөнүн да угушкан жок, жети жылдан бери бир кабар алышпайт, деги боору таш немелер го?

- Койсоңчу, андан көрө аларга мен бир барып келбесем болбойт го. Токтобайдын абалы оор, биз жардам бербесек ким кабар алат мундан?

- Мейли барсаң барып келчи, деги ошолор аман-соо болду бекен? - деген аялы үйүн карай басты.

Эртеси Ысмайыл Жети-Өгүздөн жөнөп, Чүйгө карай кеткен машинага отурду. Токмокко келип, адегенде Тотукандын үйүнө келди, аларды үйүнөн таппай коңшусунан сурады эле, алар күйөөсү өлгөндөн кийин ал баласы менен шаарда тураарын айтты. Андан чыгып Бопукандын үйүнө жөнөдү. Бопуканды күйөөгө бергенде бир келген эле, адашып атып эптеп тапты. Анын жашоосу ойдогудай.

Күйөөсү оорукчан болуп төшөктө жатканына беш жыл болуптур. Алты бала менен үйдөн чыгалбай кыйналыш жашоодо экен. Ысмайыл келгенде ага дурустап чай бере албай уялып отурду. Балдары жаш, баары кол карашып, Бопукан эптеп дүкөн шыпырып, оокат кылып жаткан экен.

- Балам, Тотукандын үйүнө барып таппай калдым.

- Эжеме деле каттай албайм, анын күйөөсү өлүп балдары менен жашайт, эми кантели тайке, тагдыр-пешенебиз ушул экен. Кудайдын жазганын көрүп атабыз, байкемдин ал-абалын билип барып келгенге шартыбыз жок, - Бопукан ыйлап отурду.

- Кой кейибе балам, балдарың бой жетип калса мунун баары унутулат, силер деле бара албайт экенсиңер. Мен Токону өзүм эле көчүрүп келип алайын, Зуура ансыз да бирге өсүп калганга зорго кетти.

- Байкем антпей эле үйлөнүп алса болбойт беле?

- Ошону айтсак болбой койду, тил алып үйлөнүп алганда көнүп кетет эле, кыз да чоңоюп калса тыңып кетет эле:

- Бизден болсо жардам жок, ушундайда кабар алып турсак болбойт беле, өлсөк дагы бири-бирибизди көрбөй калабыз го, тага? - Бопукан дагы ыйлап отурду, - Же бир арка болор ага, жөлөк болоор иниси болсочу, кыз ушул экен, өз оокатыбыз менен алек болуп жүрүп өмүр өтөт тура…

- Болду эми, көп ыйлай бербе, Токомду өзүм карайм, эгер тилимди алса үйлөнтүп койом, - Ысмайыл жээнинин абалын көрүп дарегин алды да, - Кат жазып турабыз, сиңдиңди бир барып көрүп келгиле Тоту экөөң, - деди да коштошуп чыга жөнөдү.

Ысмайыл үйүнө келди да аялы менен кеңешип Токтобайды ээрчитип келди. Ал дале ачылып сүйлөбөй же кабак ачып күлбөй бир калыпта дүңкүйөт. Болбосо Токтобайдын жашындагылар азыр оттой күйүп, баралына жетип турган курагы эмеспи. Ал эзели аял аттуу менен тамашалашып эмес сүйлөшүп көрбөгөн неме. Уулжан экөө абдан ынтымактуу болчу, же сүйүүнүн керемети, махабаттын күчү экөөнү бири-биринин жүрөгүнө туташтырып башка жанга көөнүн бургус болуп байлаганбы, кыскасы анын үйлөнмөк тургай уккусу келбейт. Ысмайыл ары айтса да, бери айтса да болбой, кайра үйүнө кетип калды. Беш-алты жандыгын кайтарып Зуураны жанына алып жүрө берет. Зуура баладай болуп ойноп же сүйлөбөйт, сураганын жооп берет да жанында отура берет.

- Кызым, ойносоң боло, - деди бир күнү Токтобай үйүндө отурганда.

- Ойногум келген жок, ата.

- Тиги тагаңдыкынан ойночу белең?

- Жок.

- Эмнеге ойнобойсуң, кызым?

- Жөн эле, ойногум келбесечи.

- Садагам менин, эркем десе, жүрү эшикке чыгалы, сен балдар менен ойно, - Токтобай кызын колдон ала сыртка жетеледи, - Сени коңшунун кыздары менен тааныштырам, сен ойнойсуң.

- Ата, баары бир мен ойнобойм, сен жалгыз каласың да үйдө.

- Эчтеке болбойт, мени чо-оң киши дейт. Балдар ойноп жүрбөйбү, сен да ойногун.

- Ойнобойм… - Экөө ошентип жатып короосунун оозуна чыкты. Жолдун аркы бетиндеги коңшунун кызы менен баласы ойноп жүргөн экен.

- Оо балам, менин кызым менен ойногулачы, кел келе кой? - Токтобай аларды бери чакырганда Зуура атасынын артына бекинип калды, - Зуура, карачы кызым, коңшуларың менен тааныш, - ал Зуураны колунан тартып эңкейип аны өөп. - Мына менин кызым., силер менен мындан ары бирге ойнойт, - деп ушул ирээт абдан толкунданып өзүнчө кубанычтуу сүйлөп жатты. Ал антип балдар менен кобурашып атканда коңшусу чыга калды:

- Оой Токо, балдарга чогулуш кылып атасыңбы?

- Ооба, кызымды коңшуларына тааныштырып жатам, мына менин кызым Зуура!

- Азамат, аман болсун Токо, балдарды тааныштырбай анан, ынак коңшулардан элек, көптөн бери такыр көрүнбөй да кеттиң.

- Ээ Сатар, ошондой болуп кетти, эми ушул кызымды кубат кылып жашайын деп өзүмө-өзүм кайрат берип калдым.

- Антпесе болбойт, өлгөндүн артынан өлмөк жок Токо, ушу кызды берген кудайга шүгүр де, бул да болсо тагдыр…

- Шүгүр дебей анан, жатсам-турсам сыйынып, жалынып отурам, - Токтобай чечилип сүйлөшүп жатты.

Бир аз сүйлөшүп тургандан кийин үйлөрүнө кирди. Экөө жаңы гана чайга отурганда коңшусу кирип чакырып кетти. Сатар аялы экөө кыз берип, бир келин алып калышкан эле. Токтобайды чакырып коноктоп, чер жазыша кобурашып отурушту. Анан үйүнө келгенден кийин Зуура атасын карады.

- Ата, менин апам кана, тиги балдардын апасы бар экен го? - деди байоо сезим, балалык наристе ою менен.

- Кызым, апаң экөөбүздү таштап тээ алыска кетип калган, - Токтобай кызын алдына алып чачынан жыттап коюп жооп берди, - Ал келбейт эми.

- Сен аны таарынтып койдуң беле?

- Жо-ок кызым, таарынткан эмесмин… - Токтобай шуу үшкүрүп алды, - Адамдар таарынбаса дагы алыс жактарга саякатка кете берет, мен дагы бир кезде ал жакка кетишим мүмкүн…

- Койчу ата, сен кетсең мен жалгыз корком да, сен кетпейсиң ээ?

- Сен чо-оң кыз болгондо кетем, сенин дал өзүңө окшогон кызың, балаң болот, мен карыйм, ошондо кетейин, макулбу?

- Жок, жок сен такыр кетпейсиң, кетирбейм сени, мени таштап кетпегин да, - Ата бала көпкө отуруп сүйлөшүп жатты. Зуура уктап калды.

Эки көчө нарыта жашаган үч балалуу Сейдимкүл деген күйөөсү жок бир аял бар эле. Токтобай Зуураны ээрчитип алып жандыктарын кайтарып жүрсө алдынан чыгып ага жолугуп калды да:

- Токтобай, аялың өлгөндөн бери такыр эле кишиге кошулбай жапайы болуп баратасың да? - деди күлүп.

- Кишиге кошулуп эле жүрөм, анда сенин кандай ишиң бар? - Токтобай жактырбай ары басмак болду эле Сейдим аны токтотуп калды.

- Ай, андан көрө аял алайын деген оюң барбы?

- Аялды эмне кылам, кызым экөөбүздүн өлбөстөй оокатыбыз бар, жашоо өтө берет.

- Оой кокуй десе, кыз чоңойсо эли-журтун таап кетет, сага эле кыйын болуп калат.

- Андан сен кыйналбай эле койчу Сейдим, кыйналсам мен кыйналам, сенин эмнең кетип атат?

- Деги да, - Сейдим да анын сүйбөй калганын байкап басып кетти.

Токтобай кыжаалат ойго батып жандыктарын айдап үйүнө келип короосуна киргизди. Быйыл Зуура биринчи класска бармак. Окуу башталаарына аз гана калды. Мурда шопур болуп иштечү. Көптөн бери иштебей да калган. Жумуш сурап совxозго бармак болду ойунда: "Кызым чоңойсо чындап жалгыз каламбы? Бу да окуйт, турмушка чыгат, кыз баланы өмүр бою алып жүрө албайм. Кой, жок дегенде жумуш таап алайын" деп ойлонуп отуруп эжеси менен карындашын эстеди: "Мен кыйналып турганда бир келип кабар да алышпады, аларга эмне болду, мени унутуп койгон белем" деген ойдо отурганда сырттан дабыш чыгып, аялдабай эле Сейдим кирип келди.

- Токтобай, мен сага келдим, мынабу кетменди саптап берип койчу, балдар жаштык кылат экен.

- Эртең саптап берейин, азыр кеч кирип кетти, - Токтобай күңк эте жооп берди.

- Койчу, азыр эле бекемдеп, саптап берип койсоң, эртең балдарым жүгөрү сугарганга алыш чабат эле.

- Коюп кой, мен эртең менен эрте саптап койом.

- Макул анда, саптап койо көр эми, эртең эрте кетишет.

- Бара бер!

- Капырай, эмне мынча түнтсүң, жаш эле туруп, тим эле бурк этесиң да?

- Сейдим, айткандан кийин болду да, бара бер!

- Мейли, эртең эрте келейин… - Сейдим чыгып кетти.

Токтобай ойлуу отуруп калды: "бул катын эмне эле кыйшалактап калды, өзү менден улуу болуп туруп тийишкиси бар го?" деген ой башына келгенде аны көз алдына келтирип алды: "болсо эки, үч жаш улуу болуш керек" деп койду ойунда. Ар кайсыны ойлонуп жатып ал уктап кеткенин сезбеди. Уктап кетип, түш көрүп жатты, түшүндө аялы Уулжан жанында тирүү кезиндегидей эле отурат, бир нерсени сүйлөшкөндөй болду, анан ордунан туруп босогого барып: "Көп эле кайгырып жүрө бербей кызыңды карай турган жакшы аял болсо үйлөн, али кө-өп жашайсың Токо, жакшы аял жанга күйүмдүү болот, унутпа ушуну, үйлөн!" деп эшиктен чыгып кетти. Дароо ойгонгон Токтобай толгонуп ары-бери оодарылып андан кийин уктай албады: "Кой, үйлөнсө үйлөнөйүн" деп бир чечимге келди да эс ала түштү. Чынында өзүн таптакыр унутуп койгон экен. Али күчүнөн тая элек кырчындай кезинде күйүттөн баарын унутуп, эч нерсеге көңүлү келбей өлүк жандай жан серек болуп кетиптир. Көңүлүнө бир жакшы ой пааналап, бир чечимге келгенге эртең менен ордунан сергилең турду. Бети-колун жуугандан кийин сыртка чыгып Сейдим алып келген кетменди саптап, бекемдеп кагып коюп малын карады, андан кийин үйгө кирип уктап жаткан кызынын үстүн кымтылап коюп чай койду, ушул азыр гана сезди, канча жылдан бери аялдын да ишин өзү жасап, кир жууп, тамак жасап жүргөнүн: "Аа-а байкушум десе, ал дүйнөдө жатып да менин кыйналганымды билген экенсиң, мен сени унута албай качандыр бир кезде жаныңа барсам таза болойун, сүйүүмдү булгабайын дебедим беле?" деп жылмая өз ойунда күлкүсү келип сыртты көздөй чыгып келатканда Сейдим келип калды.

- Саптап койдуңбу? - Ал көрүп эле сурады.

- Ооба, алып кете берсең болот.

- Кудай жалгасын, кызыңдын убайын көр! - Сейдим кетменин ала шыпылдай чыгып кетти. Анын артынан карап турган Токтобай: "Жаш келиндей шайдоот неме экен, өзү деле жакшы аял окшойт" деп койду ичинен. Зуура ойгонуп чыга келди эле:

- Оо садага сербейген, уйкуң кандыбы, эрте туруп алдың го? - деп жалынып кирди.

- Уктабадымбы ата, экөөбүз чай ичкенче түш болуп калса мал ачка болуп калат? - Зуура атасына эркелебей ажаткананы көздөй басып баратып айтты.

- Акылыңдан секет кетейиним десе, бүгүн кечирээк чыгарабыз, сага окууга керектүү кийим-кече менен дептерлериңди сатып апкеле койолу.

- Окуу болуп калдыбы?

- Анан эмне, окуу башталаарына он беш күн эле калды.

Зуура атасын кучактап эркелей кетти:

- Түр калем, сүрөт тартканга альбом да сатып бересиңби?

- Баарын сатып берем, тиги дүкөнгө сүйлөшүп койгом, сумка дагы алабыз.

- Бол анда ата, тезирээк баралы, тезирээк алып келе коюп, анан койлорду тойгузуп келебиз.

- Жакында жандыктарды кезүүгө кошобуз кызым, сен окуп калсаң үйдө эч ким жок окуудан келгенде томсоруп каласың, өзүм сени тосуп алып турам.

- Мен жакшы окуйм, жалаң беш деген баа алам, - Зуура ойлуу атасын карады, - Ата, апамдын сүрөтү барбы бизде?

- Аа-а, - Токтобай такала түштү, - Бар, кызым, бар эмей, азыр сага апаңдын сүрөтүн көрсөтөм, - Экөө ээрчише үйгө кирип сандыгын оодарып кирди Токтобай: "Ошону ойлобогонумду кара, алда качан көрсөтүп түшүндүрүп койсом болбойт беле?" деп ойлонуп чоң сырты кызыл баркыттан тышталган альбомду алып чыкты. Ачып көрүп саргайып бараткан сүрөттү көрсөттү, - Мына кызым, бул сенин апаң, а мунусу мен.

- Апии-ий, апам сулуу экен ээ?

- Ананчы, апаң абдан сулуу аял болчу.

- Ата, апам мени сагынат болду бекен? - Зуура атасын суроолуу тиктеди, - Алы-ыс жактан балдарын сагынат чыгаар…

- Кызым, - Токтобай олуттуу сөз айтчудай кызын саамайынан сылай чекесинен өөп. - Сен чоң кыз болуп калдың, тике карап, - Апаң сени сагына турган болсо алда качан жетип келмек, ал келбейт, анткени ал… ал өлүп калган, кызым…-

- Өлү-үп??? - Зуура атасына ишенип, ишенбей жалдырай карады.

- Ооба кызым, ал сени… токто, ал кө-өп төрөдү, алар токтобой койду, анан сени төрөдү…

- Анан, анан эмне болду?

- Сен эгиздин түгөйүсүң кызым, Батма деген түгөйүң чарчап калды, анан экөөбүз эле калдык… Өлүм бизди ажыратып койду, кызым! - Токтобай Зуураны кучактап алып ыйлап жатты.

Зуура көптөн кийин:

- Өлүм деген жаман тура, ал болбосо биз чогуу болмок экенбиз ээ, ата? - деди жаштуу көздөрү менен атасын карап.

- Ооба секелегим, өлүм ошондой таш боор, жакшы-ы, жакшы адамдарды эрте алып кетет.

- Апам аябай жакшы аял тура анда, жаман аял болсо албайт болчу, кечээ бизге жолуккан аял жаман окшойт ээ, аны албай коюптур?

- Ок, антпе кызым, анын да сендей кызы, эки уулу бар, атасы жок, атасы да энеси да жок болсо балдарына кыйын болуп калат.

- Аа-а.. - Зуура андан кийин үндөбөй сүрөттү тиктеп отуруп калды.

Анын эмнени ойлогонун ким билет, балким ички сезиминде өлүмдү жек көрүп жаткандыр, апасынын өлгөнүнө наристе назик сезими менен жүрөгү ооруп, жан дүйнөсү сыздап отургандыр…

Бир аздан кийин атасынын жасаган тамагынан ичип алып бөйтөйүп кучактап уктап калды. Токтобай кызынын маңдайынан өөп коюп ойго чөмүлдү: "Мен үйлөнбөсөм болбойт, тагама барып ылайыктуу аял таап бергиле дейин, кызым али жаш, көнүп кетет" деген чечимге келип эртеси эртелеп жөнөмөк болду. Таң атканча уйкусу качып кандай аялга туш келээрин, кызына кандай караарын биле албай санааркап жатып таңга маал көзү илинип кетти. Ойгонсо таң эбак атып күн тоо башынан кылайып калыптыр. Ордунан туруп сыртка чыгып, бети-колун жууп үйгө кирип баратканда короонун эшигине атчан адам токтоп калганын байкап караса Ысмайыл экен.

- Кел тага, таң атпай кайдан?

- Келдим, акыбалыңарды билип келейин деп эле. Таажеңең "Зуураны сагындым, келбей коюшту" деп жиберди.

- Өзүм дагы бүгүн силерге барып келсемби деп аттым эле.

Тага-жээн ээрчише үйгө киришти.

- Зуура уктап жатабы?

- Ооба, ал тура элек, мен да уктап калыптырмын, - Токтобай чай коюп үйүн жыйып кирди, аны карап турган Ысмайыл ичинен кейип баш чайкап үнсүз отура берди. Анан калса ал аялдын ишин кадимкидей кылып тысырайтып жүк жыйып, шыпырып жатты. Ысмайылдын аялы: "Эркек неме кызды жүдөтүп койду го эмдигиче, башы биттеп кеткендир, окууга чейин алып келип башы-көзүн тазалап анан жөнөтөлү" деген эле. Аны Ысмайыл айтпады. Аңгыча Зуура ойгонуп калды эле Токтобай аны эркелетип:

- Кызым, ким келди үйгө, туруп карачы? - деп күлүп калды эле ал көздөрүн ушалай тура калып:

- Ким, апамбы? - деп жибербеспи.

- Кызым, атаң келди карачы, менин тагам! - Токтобай ыңгайсыздана колтугунан ала Зуураны көтөрүп Ысмайылдын жанына алып келди, - Апаң сени сагынып атыптыр! - Зуура Ысмайылды аялы экөөнү тең "апа, ата" дечү.

- Кел, келе гой кызым, - Ысмайыл кызды колун созо тосуп алганда ал бытыйган колдору менен аны кучактап калды, - Сагындыңбы кызым бизди?

- Ооба, апамды да сагындым, - деген кыз улутунуп алды, аны карап турган тигил экөө тең үнсүз гана бири-бирин карап тим болду. Зуура эшикке чыгып кетти, Ысмайыл:

- Токо, өзүң жалгыз жансың, кызың дагы жалгыз болуп калбасын, мен да картайдым, эжем өлөөрүндө "жалгызыма көз кырыңды сала жүр, жээн деп карабай койбо" деп табыштады эле, эми өзүңдү колго алып, кайгынын капканынан чыккандырсың, эптеп аял алып колго алып, жашооңду өткөрбөсөң болбойт, - Ысмайыл Токтобайды эмне дээр экен дегендей карап калды.

- Мен дагы ойлондум тага, өзүңөр ылайыктап Зуураны ыйлатпай турган бирөөнү таап бербесеңер болбойт, мен кайдан тапмак элем? - Токтобай Ысмайылга карады, - Ылайыктуу болсо үйлөнөйүн..

- Баракелде жээним, ойлонгонуң жакшы, эркек кишинин жалгыз жашаганы болбойт, таажеңеңе экөөбүз баралы да кеңешели. Зуураны ал сагынып атат, өз баласындай кылып ымыркайынан бакканга өзү да жакшы көрөт.

- Мейли тага, чогуу баралы, Зуураны ала барып окуу башталганча таштап койойун, - Токтобай чечилип сүйлөп чайын коюп дасторкон жайып кызын тойгузуп, анан үчөө жолго чыкты. Коңшу айылга түшкө жакын жетип келишти да, болоор ишти кеңешип жатты. Сайра угаары менен кубанып өз айылындагы жакшы деген бойдок келиндерди катарынан айтып кирди. Акыры келип эле өздөрүнө жакын эки балалуу Кадырбүнү дароо тааныштырмак болду.

- Кадырбү жаш келин, эки баласы кайын журтунда, кичүүсү кыз, азыр бой эле жүрөт.

- Ал жакшы келин, мага дагы жагат, Токомо да жагат, көп күттүрбөй эле үйлөнтүш керек, - Ысмайыл кубанып кубаттап ийди, - Кой Сайра, тамак ашыңды даярда дагы келинди чакырып кел!

- Шашпа чал, Токомду үйлөнтүп, өзүбүз үйүнө жеткирип келебиз, той өткөрүп коңшу-колоңун чакырабыз.

- Ошентип Токомдун көңүлүн көтөрбөсөк чүнчүп кетпесин. Зуура эмеле чоңойот, ал дагы өз ордун табат, - деп Ысмайыл болоор ишти эртелетип бүтүрүүнү каалап атты.

Тамак ашын даярдап коюп Сайра өзүн ээрчип жүргөн Зуураны колдон ала көчөгө чыга жөнөдү. Эшиктин алдына чыкканда Зууранын татынакай болуп кийим-кечесинин тазалыгын көргөн менен чыкыйта өрүп койгон чачын сөөмөйлөрү менен аста карап көрүп:

- Зуура, чачыңды жууп, киймиңди таза карап аткан тура атаң, же башка бирөө чачыңды тазалап береби? - деди эңкейе.

- Жо-ок, атам өзү жууп берет, кийимимди да атам өзү жууйт.

- Байкуш, жалгыз кызым жүдөбөсүн деп жакшы багып аткан тура, Кадырбү ушуну кор кылбас бекен? - деп сүйлөнүп алды да короодон чыкты, - Ачык айтайын, өз балаңдай кара дейин… - Жанында бойтоңдоп ээрчип бараткан кызды карап, - Зукен, апалуу болгуң келеби? - деди.

- Менин апам өлүп калган да? - Кыз аны байоо көз карашы менен карап койду, - Анан сиз менин апамсыз да?

- Зукеш, мен сени багып чоңойткомун, сен атаңдын жалгыз кызысың, менин балдарым чоңоюп кетишкен, жакында Аэлит менен Арсен келет, аларды унуткан жоксуңбу?

- Жо-ок, унуткан жокмун, Ысмайыл атам экөөңөрдүн балаңарбы?

- Алар биздин неберелерибиз да, окуудан тараганда шаардагы ата-энесине кетишкен, кийин окуулары башталганда кайра келишет.

- А мен эми окуйм, атам мага китеп-дептер, сумка алып берди, көйнөгүм да жаңы! - деп Зуура кубанычтуу секирип койду.

- Азамат десе, атаң байкуш сенин окууруңа кубанып жатат да, балдары токтобой, жалгыз сени медер тутуп калбадыбы?

- Ий да, "медер" деген эмине апа?

- Башка балдары токтобой сени карап отурбайбы кызым, апалуу болсоң ал төрөп берсе сен инилүү, сиңдилүү болосуң да.

- Оой жакшы болот анда, мен бөбөгүмдү ойнотом да ээ апа?

- Анан эмей, сен чо-оң кыз болуп апаңа жардам бересиң. - Сайра аны карап жылмайып коюп жай гана ойлонуп баратты: "Тилеги таза, жүрөгү назик бала эмеспи, ушундайда баарын түшүндүрүп койсо бала неме баарына көнөт, тетик болот бечарам, эстүү эмеспи" деп бара турган жерине жетип келгенин байкабай калды. Кадырбү өзүнүн апасы менен турчу, апасы сексенден ашып калган.

- Аа-ай Кадырбү барсыңбы? - Сайра короого баш бага үн салып кирди.

- Ки-им? - Артынан чыга калган Кадырбү Сайраны көрүп эле, - Келиңиз эже, кайдан жүрөсүз, кириңиз үйгө, - деди ылдамдай тосо чыгып.

- Кадырбү, кирбей эле ушул жерден эле кетем, сени менен сүйлөшө турган иш бар.

- Тынччылыкпы, үйдө эч ким жок, кирип эле сүйлөшөлүчү эже.

- Апаң жокпу?

- Апамды байкемдер алып кеткен, өзүм элемин, - Ээрчише үйгө киргенден кийин Сайра сөзүн баштап кирди:

- Кадырбү, менин келген жайымды түшүнүп эле жаткандырсың, баягыда айтпадым беле, мына бул кыздын атасы, өзүң барып көр, сүйлөш…

- Эже, мен күйөөгө тийбейт элем, мейли эми, улуу башыңыз менен келипсиз, барса барып келейин, - Кадырбү кийине калып Сайра менен жөнөдү, - Жакшы кыз тура, канчадасың? - ал Зуураны карап жылмайып койду, - Атың ким?

- Зуура.

- Атың да жакшы кыз экенсиң, - Кадырбү кызды улам кыя карап коюп үйгө келгенче үн дебей келишти. Кире берип эле Сайра:

- Кир Кадырбү, келбей дагы кеттиң, үйгө жээн бала келип калыптыр, конок кылып койолу дедик, - Сайра Кадырбүнү киргизип төргө өткөрүп өзү дасторкон жайганга ары-бери кирип, чыгып жатты. Токтобай менен Кадырбү адегенде бири-бири менен көздөрү тиктеше түшкөндө экөө тең көзүн тартып алып экөө эки башка ой ойлонуп атты: "Жаш, жакшынакай келин экен, мага макул болобу, кызыма эне катары жакшы карай алабы? Төрөп түшкөн аял экен, баланын кадырын билээр, төрөбөгөн аял болсо билбейт эле, жакшы аял болчудай" деп Токтобай ойлонуп калганда, Кадырбү: "Жаш эле киши турбайбы, мүнөзү кандай болду экен, кызын го өз баламдай эле көрүп карай берем, дагы күйөөдөн чыгып, жаманатты болбос бекенмин!" деп ойлонуп отуруп калды. Алдыга тамак келип тамактанып болгондон кийин Ысмайыл менен Сайра сырткы бөлмөсүнө чыгып кетип экөө гана калды. Бир азга ортодо тынчтык өкүм сүрүп турду. Токтобай өз ичинен: "Болбосо да көрдүм, сөзгө тартып көрөйүн, өзү деле угуп анан келгендир" деп ойлоп сөз баштоого чечен болбосо да келинге карай:

- Сүйлөй отур карындаш, өзүң жөнүндө кеп сал, - деди.

- Өзүмдөн баштасам атым Кадырбү, бир кыз, бир уулум бар, күйөөдөн чыгып башым бош. Карыган апам менен турам, бир агам, бир эжем бар.

- Жакшы экен, менин дагы бир эжем, бир карындашым бар, жалгыз кызым экөөбүз турабыз. Тагдыр экен, аялым төрөттөн каза болуп жалгыз жашоодон тажап ылайыктуу аял издеп жүрөм.

- Издегениңизди таба тургансызбы? - Кадырбү жылдыздуу күлүмсүрөп койду.

- Тапкансып турам, көп издеп кыйналган жокмун, адеген эле кадамымда кубанып турам, - Токтобай да ага жылмая карап сөз күтүп калды.

Экөө көпкө сүйлөштү да, Кадырбү акырын ордунан обдулду:

- Мен эми барайын, дагы ойлонуп көрөөрсүз, жолугарбыз, апам менен кеңешейин.

- Жакшы барыңыз, дагы сүйлөшөбүз, - Токтобай аны узатып койду.

Ысмайыл Токтобайды үйлөнтмөк болуп Тотукан менен Бопуканга кат жөнөтүп, алар качан келсе дароо Кадырбүнү алып кетмек болушуп сөз бүтүрдү. Токтобай кызы экөө кечке маал үйүнө келишти. Экөө үнсүз отуруп жатууга киришти. Зуура атасына эч нерсе деген жок, балалык туюму менен жакында апалуу болорун билди да сурабады. Токтобай малын кезүүгө кошуп коюп совxоздун директоруна кирип жумуш сурады эле, кароолчулук жумушка орношмок болду. Ал ошого ыраазы болду, тынч эмеспи. Арадан убакыт өтүп жаңы окуу жылы келип, Зуураны кийинтип алып мектепке ээрчитип жөнөдү Токтобай. Көпөлөктөй болуп ак таңкетка, ак носки менен кара форманын сыртынан аппак фартук тагынып, чачына аппак лентаны байланып атасынын колунан кармап, сумкасын Токтобай көтөрүп алган. Тааныгандар аны аяй да, суктанып да карап коюп өтүп жатты. Класска киргизип коюп анан тышта көпкө турду. Эки-үч саат өткөндөн кийин Зуура секирип чыгып атасына жетти:

- Ата, дагы эле күтүп атасыңбы?

- Ооба кызым, үйгө баралбай жолдон коркот дебедимби.

- Коркпойм, мен бүгүн "А" тамгасын тааныбадымбы, окуган кыздар да коркмок беле?

- Сербеңдеген карааныңдан айланайын десе, коркпойсуң сен, он-онбеш күндөн кийин көнүп каласың, балдарды тааныйсың, анан өзүң келип кетесиң, ошондо мен жөн гана тосуп алам.

- Ий-ии, азыр көнө элекмин да ээ ата?

- Ананчы, сен биринчи жолу үйдөн чыгып атпайсыңбы? - жанында так секирип коюп келаткан кызын карап бактылуу жылмайып алды да Уулжандын биринчи баласы бойунда бар экенинде айткандары эрксиз эсине түштү: "Токо сага уул болгон жакшыбы же кызбы? - деп сураган эле ал бир күнү. "Мага баары бир, сен аман-эсен төрөп, үйүбүздө баланын үнү угулуп турса мен бактылуумун, адегенде аман көз жарып алчы". "Анда мен уул баланы жакшы көрөм. Уулубузду экөөбүз ээрчитип алып мектепке чогуу барабыз, ал жакшы окуса ата-энеси деп бизди мугалимдер сыйлап турса кандай сонун, биздин уулубуз жакшы окуган акылдуу бала болот" дегенин эстеп: "Байкушум ай, ушу Зукешиңди жетелеп окууга алып келе албадың, кызыңды жетимсиретпей өзүм сен айткандай кылып ээрчитип келдим, эми кызым жакшы окуса дал сенин айтканың орундалат".

Токтобай ойго чөгүп кеткен экен, Зуура аны колунан силке ыйлап атыптыр, көрсө көзүнөн мончоктогон жаштын агып жатканын сезбей келе берген экен. Аны көргөн кыз коркуп кетип: "Ата, сага эмне болду, мине ыйлап жатасың?" десе да үндөбөй койсо ошого аны булкулдатып жаткан экен.

- Эмне болду, кызым? - Токтобай отура калып кызынын жашын аарчый жалбарып ийди, - Кой ыйлаба, кызым.

- Өзүңчү, өзүң эмне ыйлап жатасың? - деп быйтыйган колдору менен көзүнүн жашын сүртүп киргенде гана өзүнүн ыйлап алганын билди.

- Зукеш, сенин мектепке барганыңа кубанганымдан ыйлап ийген турбайынбы…

- А мен коркуп кеттим.

- Коркпо кызым, мендейлер небересин мектепке алып барып калды, мен болсо жалгыз сенин карааныңа, сереңдеп ойноп жүргөнүңө кубанып кудайга жалынып атпайынбы?

- Мени дагы апама кетип калбасын деп коркосузбу?

- Кой антпе, андай сөздү айтпай жүр, уктуңбу? - Токтобай Зуураны колуна көтөрүп ала коюп короосуна кирип келди. Алар келсе эжеси менен карындашы келин-уулдары менен келип демейдегидей эле ордунда турчу ачкычты алып үйгө кирип күтүп атышкан экен. Бири-бири менен кучакташып ыйлап учурашып, анан аларды таң калып карап турган Зуураны ар кимиси кучактап өөп атышты. Тотукан алтымыштарга келип калган эле. Бопукан Токтобайдан эки эле жашка кичүү. Бир туугандар бирде ыйлап, бир сооронуп, таарынычтарын айтып көпкө отургандан кийин Токтобай ордунан турду:

- Кой, мен силерди коноктогонду унутуп эле отуруп алган турбайынбы, - дегенде Тотукан:

- Токо, бүгүн кеч болуп калды, андан көрө Ысмайыл тагамды эртең чакырып келип ошондо эле сой сойчу коюңду, - деп болбой койду.

- Сербейген секет кетейин десе, атасынын эрмеги болуп ырас болгон тура, - Тотукан Зуураны алдына алып отуруп алып кубанып өздөрү алып келген кооз көйнөктөрдү кийгизип атты, - Биз таежең болобуз, атаңдын бир тууганыбыз, таанып жүргүн ээ, садага?

- Ооба, а силер келбей каякта жүрдүңөр?

- Алыста жашайбыз, сендей неберелерибиз бар, алардан чыга албай жүрбөдүкпү.

- Ий да, - Зуура бала да, жалтырактары бар көйнөккө кызыгып унчукпай калды.

- Жездем өлгөндө кабар берип койбодуңар эле, колунда жүрдүм эле…

- Садага кетейин десе, анда балдар жаш эле, биякты билишпейт, кабар жибергенге жездеңдин да жакын тууганы жок. Эми балдар чоңойду. Тез-тез каттап турабыз, - Тотукан инисине күнөөлүүдөй карады, - Эми сен да жакшы келинге үйлөнүп алсаң жашооңор ойдогудай болсо биздин да көөнүбүз тынып калат.

- Бопуш, сенин балдарың чоңоюп жатабы, күйөө бала жакшы болуп калдыбы?

- Жакшы болгондо кайсы дейсиз, бир калыпта эле жатат, менин шорум көп экен, бул балам дагы колдо жокто үйлөнүп алып кыйнады, калгандары да мени укпайт, иштеген жетимиш сом эч нерсеге жетпейт, - Бопукан бышактап ыйлап кирди.

Ар кимиси өзүнчө ойлонуп отуруп калышты. Тотукан эки келинди жумшап үйлөрүн жыйнатып, тазалатып тездетип, эртеси эрте туруп үйүн актатып келин алууга камдантып даярдоого киришкенде Токтобай Ысмайылды чакырып келүүгө кетти. Эки жээни кой союп конок күтүүгө даяр болуп, кыскасы шайма-шай кылып коюшту. Түшкө жакын Ысмайылдар келип кеңешип эле Сайра менен Тотукан ат менен Кадырбүгө жөнөп, кечки бешимдерде келип калышты. Арыдан бери келинге жоолугун салып, көйнөгүн кийгизип төргө отургузду да, коңшуларын чакырып андан кийин молдо алып келип нике кыйдырып койду. Токтобай чери жазыла тагдырына нааразы болгон күндөрү өтүп, азыр бир туугандарынын маңдайында кубанычтуу бапылдап отурду. Зуура эч нерсе менен иши жок, атасы мектепке жеткирип келгенден кийин ал күнү өзү келди. Ошентип Токтобайдын жашоосу өзгөрдү да калды. Тотукандарды жээндери менен эки-үч күн сыйлап, андан кийин Ысмайылдыкында конок болуп, үйлөрүнө кайтышты. Кадырбү Токтобайдын үй ичи менен таанышып калгандан кийин өз ишин кылдат кылган аял экени белгилүү болду. Зууранын баладан башкача жооштугу ага ого бетер жакты, ал апалап ар убак жанында. Жумшаса илгиртпей аткарат. Токтобай эки күндө бир кароолчулукка кетет. Зуура мектепке жакшы окуп класском болуп тың болду. Сабагынан калбайт. Аны кир жолотпой Кадырбү өзү карап калды. Токтобайдын көңүлү тынып калганына анда-мында келип кетчү тагасы да кубанып жүрдү. Анын көрөөр жыргалы канчалык, аны ойлошподу, Кадырбүгө ыраазы. Ал эми Кадырбүнүн өз айлында ойношу бар эле, ал арадан эки ай өткөндө пайда болуп калды. Эшиктин алдында кир жууп отурса бирөө үн салып:

- Үйдө киши барбы?! - деп кыйкырганда Кадырбү жүрөгү болк эте тааныш үндү угуп караса Алим турган экен, - Кандай чоң кыз, чоң келин болуп жүрөсүңбү? - деп ырсая күлдү.

- Биерде эмне жумушуң бар, азыр кетип кал! - Кадырбү аны сүйө бербей жини келе сүйлөдү.

- Сагынып келдим Мөөрүмдү… - Алим ого бетер ырсаңдай ага шыбырай эки жагын карап койду.

- Оозуңду жап да жолуңа түш, мен сени тааныбайм! - Ал артына кайрыла бергенде Алим атынан түшүп жайма-жай байлап короого кирип келди, - Кет деп атам, азыр күйөөм келет, кетип калчы бай болгур, - Кадырбү ага аргасыз жалдырап ийди.

- Коркпо, мен эриңе эмне кылат элем, жөн эле учурашып койойун деп кайрылдым. Эмне, "нан ооз тий, чай-пай ич" дегенге жарабайсыңбы? - Алим келинге жакындай бергенде ал качып баратып:

- Мен дагы адамча жашагым келет, менин тынчымды алба, тынч кетип калчы, суранам! - деп калчылдай жолдон көзүн албай сүйлөп атканда Алим ойлоно калды да:

- Болуптур азыр кетем, баары бир келем, эми келсем жөн кетпейм! - деп шарт атына минип жөнөп атканда Зуура окуудан келаткан эле. Ал келип эле:

- Апа тигил киши эмнеге келиптир, ал ким? - деди суроолуу.

- Аа-а, ал менин тууганым болот, учурашканы келиптир, өзүң эмне сабактан кеч келдиң? - Кадырбү сөздү башкага бурууга аракеттенди, - Беш алып келдиңби?

- Ооба, эжей ата-энелердин чогулушуна атаң же апаң келсин дейт.

- Болуптур барабыз, биздин класском кызыбыздын чогулушуна барбасак болбойт да, - деп Зуураны эркелете сумкасын колунан алып үйгө киргизди.

Бирок өзүнчө кыжаалат болуп атты: "Шүмшүк десе, таап келип калганын кара, мен ага ачык айтып коштошподум беле" деп акыркы түнкү экөөнүн жолугушканын көз алдына келтирип мелтиреп отуруп калды: "Алим, мен жакында күйөөгө чыгам, жакшы эле бойдокчулукта ойноп күлдүк", деген ошондо Кадырбү. "Эмнеге, мен сени эч кимге бербейм. Өзүм карайм, ойнош болуп түбөлүк жүрө берсе болбойт бекен?" "Жо-ок Алим, сенин үйбүлөң бар, мени менен бир түн болсоң башка күнү өз үйүңдөсүң, сени зарыга күтүп өмүр бою жашай албайм, мен деле бирөөнүн ак никелүү жары болгум келет, таза жашагым келет", "Андай болбойт, аялымды да таштай албайм, төрт балам бар, сени да бошотпойм, мына акча десең акча, алтын десең алтынга ороп койойун, болгону менден кетпе". "Алтыныңдын да кереги жок". "Көрөбүз, кимибиз жеңээр экенбиз" деп Алим таарынып кеткен эле: "Шүмшүк, мени жөн эле баш отум менен байлап алгысы келет, же аялыңды таштап мени менен бирге бол десем болбойт да келип калганын кара, эми келсең ит куугандай кууп чыгып шерменде кылам, буxгалтер болмоктон директор же министр болсоң да" деп кайраттана ордунан турду. Токтобай кароолго кеткен. Эки жагын бекитип келип эшигин илди да кызы экөө отуруп чайын ичип төшөгүн салып жатып алышты.

Зуура көп сүйлөбөйт, көңүлү келсе божурап бирдемелерди айтып берет, үйдө болсо да сыртка чыгып ойнобойт. Сабагын окуйт да апасына жардам берип жүрө берет. Алим келип кеткенден кийин Кадырбү ойлуу болуп убайым тартып калды: "Ырас эле ал дагы бир күнү келип алып тийишкенин Токтобай көрүп калса эмне кылам, кечээ эле келсем, эки баламдын атасынан деле ойнош күтө койом деп ажырабадым беле, бул дагы бир мүнөздүү неме апамдын колуна салып берсе эмне кылам, дагы төркүнүмө жаманатты болуп барамбы, эгер Алим келсе аны жакшылыкча айтып үмүтүн үзөйүн" деп баса-турса ойлончу болду. Бирок ал жер жуткандай жоголгондо өзүнчө ичинен кубанып алат. Түн, Кадырбү Зуура экөө жаңы эле жатып уктай элек болчу. Эшик тык-тык этип чертилгенде Кадырбү ток ургандай чоочуп алды, анткени Алим ар дайым келгенде дал ушинтип тыкылдатаар эле. Зуураны караса уктап калган экен, ордунан акырын туруп атканда дагы тык-тык этип Кадырбү жеткенче кайра-кайра кайталанып атты:

- Ким бул? - Кадырбү билинээр-билинбес муундары титирей үн катты.

- Мен эле, буйруса Алиммин!

- Күйөөм бар, кетип кал азыр! - Ал кайраттуу, анын мизин кайтармакка ишенимдүү айтты, - Кетпесең бирди көрөсүң!

- Алдабачы Каким, сен мени алдай албайсың, анын бүгүн үйдө эмес экенин жакшы билем, - Үнүн саал акырындата чыгарды, - Бат эле кетем, сагынычымды жазып койчу жаным.

Кадырбүнүн жини келип кетти:

- Кандай айбансың ыя, тынч жашатасыңбы же менин убалыма калганы турасыңбы? - Кадырбү үй ичинен эле аны урушуп кирди, - Өзүң түшүнүктүү, билимдүү эле адамсың, эмне менде өчүң барбы?

- Өчүм эмес, сенде катылган сүйүүм бар, ошон үчүн келдим. Тамаша, Каким ачып койчу, бир эле ооз сүйлөшүп кетем, ишен мага, бат эле кетем.

- Болуптур, айтчууңду ушул жерден айта бер, мен угуп атам, - Кадырбү ишенип эшикти ачкысы келбеди.

- Эшикти ачпасаң кантип айтам, ачсаң үйүңө кирбей ушу жерден эле айтам, - дегенде ачып жиберди Кадырбү.

- Бол эрте, күйөөм келип калат, ушул убакта бир келип кетет.

- Жо-ок жаным, эми сени бир жыттабай кантип кетем?! Келчи бир жытташып койолу, мен сени аябай сагындым.

Алим аны чап кармай кучактап өпкүлөп кирди, канчалык жулунуп каршылык кылган менен эркектин карылуу колдору аны бошото койбоду. Акыры үнүн чыгарбаска аракет кылып оозун басып сыртка алып чыкты да мал короонун четиндеги үйүлгөн чөптүн түбүнө жетип басып жыгылды да өз максатына жеткенден кийин Кадырбү:

- Жек көрөм сени Алим, мен ак никелүү эрим менен таза жашайын десем минтип маскаралап жатасың, мейли эми, деги өчүң болсо да бүткөндүр, экинчи келбегин, уят кылба, - деп ыйлап кийимин кагып, жоолугун оңдоп ордунан турмак болгондо Алим аны тургузбай колунан кармап калды:

- Айтчы, күйөөгө тийдиң эмне таптың? Анда-мында мен деле жарпыңды жазып, эркелетип каалаганыңды аткарып турат элем го?

- Эмне таптың дейсиңби, аялдар издеген бакытты таптым, күндө маңдайымда отуруп кечинде койнумда кысынбай кучакташып жатаар ырахатты таптым, аманат эмес түбөлүк жар таптым! - Кадырбү ага ызалуу сүйлөп жатты, - сени күтүп акыйып жаткан күндөргө караганда азыр мен абдан бактылуумун!

- Аа-ха-ха, - Алим чалкалай каткырып ийди, - Эмне, ушул дулдуйган неме сага ырахат тартуулап жатабы?

- Эркек деген эркек, өмүрлүк жарың болсо ырахат деген ошол аялга, сенчилеп аялыңды үйүңө коюп талаалап, ар кайсы катындын аягын аңдыган эркектин эмнеси жакшы? - Кадырбү булкуна ордунан туруп ары басып баратып, - Аялың да бир байкуш экен, никелүү эрин кармай албай никесиз башка менен жүргөн!

- Эй энеңди, менин катынымдын бирөө менен жүргөнүн көрдүң беле? - Алим ордунан тура калып анын артынан жөнөдү.

- Көрүнгөн аялдарда жүрсөң, ага да жашоо керек да, эрлүү бойдок болуп эки тизесин кучактап жата бермек беле?

Кадырбү үйүнө кирип эшигин илип алды.

Алим кайрылып босогого келбеди, сөгүнгөн бойдон короодон чыга жөнөдү.

Кадырбү ордуна келип жата албай ызаланып ыйлап алды да кайра туруп суу жылытып жуунуп көптө жатты. "Ырас болду, ошону айтпасам ал кетмек эмес. А баса, аялын уруп сабасачы, күнөөсүз адамдын убалына калбас бекемин? Өлтүрүп койбосо болду, эси-дартынын баары акча, алтын буюм, адамдын жүрөгү менен иши да жок" деп ойлонуп Токтобайдын алдында тоодой күнөө кылгансып өзүн жек көрүп, ал үчүн Алимден мурун өзүн күнөөлөп жатты: "Ойнош күтүп эмне кылам, мага чала, көпкөн немеге арга жок, дагы келет" деп санааркап жүрүп убайым тартып түнт болуп баратты. Кээде сыртынан Токтобай кирип келатса да чоочуп кетет. Бирок аны менен эле Алим токтоп калган жок. Токтобайдын кароолго кетчү күнүн так билип алган неме дал ошол күнү келет, келгенде дагы ал короосунда жүргөндө келет да келген сайын ага алтын жасалгасын, атыр арак самындын баалуусун алып келип аны азгырчу болду.

- Алим, жаш бала эмессиң го, кет дегенде ит деле кетет, сен менин бактысыз болушумду каалайт турбайсыңбы? - деди бул жолкусунда.

- Койчу алтыным, мен сени жакшы көргөнүмдөн келип отурам, аялымдан чарчап бүткөм, а сен менин чарчаганымда эс алчу жайым, чаңкаганда суусунумду кандырчу муздак булагымсың, сени эч качан жоготуп алгым келбейт, тапканымдын баарын, баарын сага жумшасам да кайтарып алгым келет, жок дегенде эч кимге көрүнбөй жолугуп туралычы? - деп Алим аны кыса кучактап өпкүлөп эптеп көндүрдү.

Аргасы кеткен Кадырбү: "бир айласын табармын, эч жан көрбөсө болду да" деген ойго келди. Ошентип эки тамыр бири-бирине кан жүгүртүп, жуурулушуп, көнгөн адаттарынча түн катып жолугушуп махабаттын ырахатына магдырап "сүйүүнүн" көз көргүс жибине тушалып кайрадан тил табышып калышты. Кадырбү Алим алып келген алтындарын ачыкка чыгаралбай Токтобайга жок шылтоону айта баштады:

- Токо, мына келгениме үч-төрт ай болду, карыган апамды сагындым, бир көрүп келсем болот эле?

- Туура Каким, Ысмайыл тагама кеңешип сени үйүңө жол-жобосу менен алып барып келейин.

- Ошентчи, анын үстүнө үйдө алтындарым бар эле, алып келип тагынып алайын, өткөндө шашып алганга үлгүрбөй калдым эле…

- Мен бүгүн тагама барып келейин, сен боорсок жасап, алчуңду алып даярдана бер, койду келип союп даярдай койобуз, - Токтобай жумуштан жаңы эле келгенине карабай атын минип Ысмайылга жөнөдү.

Ага барып кеңешти эле алар аялы Сайра экөө тең туура көрүп Кадырбүнүн үйүнө айтып коюшту. Токтобай кайненесине кийит алып, кайнагасы менен кайнежесине да кийиттердин жакшысын даярдап жатканда да Кадырбү: "Кудай ай, ушундай момун адамдын башын аттап төшөгүн тебелеттим ээ, мени кудай жазалабаса болду, кечире көр жараткан" деп ойлонуп өзүнө-өзү жини келип атты. Эртеси эле сойгон койунун этин бышырып кийит-кечек менен таттуусун алып жетип келишти. Алар да кабарды угуп чогулуп турган экен, жакшы тосуп алып күйөө балага ызаат көрсөтүп жатты:

- Күйөө бала, - деди агасы Өмүрбек, - Карындашымдын мындан аркы тагдыры сенин колуңда, экөөң бактылуу болгула, кем-каржыңар болсо айтсаңар биз жардам беребиз.

- Буйруса Кадырбүнү кейитпей, эч нерседен кемитпей багып алам, - Токтобай ага милдеттүүдөй колун бооруна ала ызаат кылып койду.

- Айланайын, Какимимди ыйлатпасаң болду, жетип-жетпей жашасаңар да ынтымак болсо баары болот, - Апасы да Токтобайга ыраазы боло, көңүлүнө толуп аларга ак батасын берип отурду.

- Оо Током момун, кудагый, мен тагасы болсом да ата-энесиндей болуп калдык. Кадырбү кудай буйруса теңин тапты, биз баш-көз болуп турабыз, Током деле камчы салдырбайт, - Ысмайыл бакылдап отурду.

Түнү менен отуруп сый көрүп эртең менен Токтобай жумушка бараарын айтып эртерээк жөнөй берди. Түшкө жакын Ысмайыл менен Сайра Кадырбүнү үйүнө жеткирип, коңшу-колоңуна кешик ооз тийгизип анан үйлөрүнө кетишти. Кадырбү алар кетээри менен алтын сөйкөсү менен шакектерин коштой тагынып алып күзгүгө көрүнүп атты: "Кудайга шүгүр, апамдар сураса Токо алып берди деп койом, а буга өзүм тагынып жүргөн буюмдарым деп койом" деп болбой эле ары-бери басып, жаңы халатын кийип элге көрүнөөргө шылтоо таппай Зуураны тосуп чыккан болуп жолго чыга калды. Жакын коңшусунун өзү курду келини аны көрүп жанына басып келди.

- Кандай кошуна, дегеле келгенден бери сыртка чыкчу эмес элең, атың ким, таанышып алалы, менин атым Айсулуу, - Колун сунуп калды.

- Меники Кадырбү, - Ал да колун берип таанышып койду.

- Мен силердикине киргим келип сени менен сүйлөшсөм эле дейм, кайнене-кайнатамдан чыгынып бара албайм, силер чакырганда дагы алар барышат ай, - Айсулуу күлүп калды.

- Анда-мында кирип тур, мен деле кечке үйдө зеригем, дагы Зуура эриктирбей эрмек болуп билдирбейт.

- Ой ошо кызыңар такыр эшикке чыкпайт да?

- Кайдан билем, мүнөзү ошондой го, ойноп кел десем болбойт, сабагын окуйт, анан мага жардам берет.

- Жакшы экен, менин улуу кызымды үйгө киргизе албайм, ойундан колу бошобойт.

- Ар кандай болот да, - Кадырбү улам эки колундагы алтындарын көрсүн дегендей чачын сылап, жоолугун оңдоп, жаагына колун тийгизип атты.

Айсулуунун колу эмес, кулагында алтын жок эле.

- Ай ий, бул алтындарды Токтобай байке алып бердиби, ыя?

- Жо-ок ай, өзүмдүкү, - Кадырбү колдорундагы шакектерин кармалап койду.

- Аа, мен байке алып берген го деп ойлогом, - Экөө көпкө кобурашып туруп калды.

Зуура келгенде гана үйгө киришти. Кадырбү оокатты таттуулап жасап, жыттуу атырдан себинип төшөгүн салды да Алимди күтүп калды. Зуураны эртерээк уктатмак болуп:

- Кызым, уктай кой, мен аябай чарчадым, жаталы ээ? - дегенде ал:

- Апа, бүгүн мен эсеп чыгарып алайынчы, сиз жардам бериңиз - деп жатпай сумкасынан китептерин алып чыгып тепейип отуруп алганда жини келип: "Тейтейген шүмшүк, эртең деле даярдайт элең го" деп Кадырбү кабагын бүркөй, бирок ага катуу айтпай:

- Кызым, мен айылга барып аябай чарчап келбедимби, эртең эле сабакка баргыча чыгара койбойсуңбу, менин эс алгым келип турат, - деди.

- Ма-акул апа, сиз чарчасаңыз, эс алыңыз, түшкө чейин даярдай койом ээ? - Зуура балалык аппак сезими менен Кадырбүнү кучактап өөп, - эс алыңыз, - деп сумкаларын кайра жыйып төшөгүнө жатып алды.

- Кызым ушундай тил алчаак жакшы кыз да, апасын аяйт, - Кадырбү аны төшөк үстүнө эңкейе калып өөп үстүн кымтылап өзү ордуна кыйшая кетти: "Уктаганда келсе экен, баладан башкача кыз экен, эгер билип, көрүп калса атасына айтат" деп ойлонуп жатканда эшик абалкысындай тык-тык этти. Шарт тура калган Кадырбү чыгып баратып Зуураны бир карап алды да эшикти ачып Алимди киргизип илгичти иле койду. Ушул учурда Алимди чалдын кемпири эшикте жүрүп көрүп койду. Адегенде: "Токтобайдын тагасы келген го" деп ойлогон, бирок анын үйдүн аркы бурчуна атын байлап коюп эки жагын каранып кирип баратканын көргөндө: "Кокуй, бу келиндин өнөрү бар окшойт, байкуш Токтобайдын көзүн кашайтып жүргөн го?" деген ойдо терезесинин тушуна шырп алдырбай басып келди, акырын караса пардасынан эчтеке көрүнбөдү, тыңшап турса үндөрү даана угулуп калды:

- Кызың уктадыбы?

- Аны алдап атып зорго жаткырбадымбы, болбосо уктаар эмес.

- Ии-ий алтыным десе, мына көрчү, сага бүгүн эмне алып келгенимди! - Алим чөнтөгүнөн алтын чынжырды алып көрсөткөндө Кадырбү аны кучактап мойнуна асылып өпкүлөп ийди:

- Жа-аным десе, мына булардын шылтоосун оңой эле таап тагынып алдым, а муну мойнума тагып алсам билбей деле калат!

- Айлакерим менин, сенден айрылып каламбы деп аялымдын даярдаган тамагын ичпей, жанына жатпай калбадымбы?

- Чынбы, чындап эле мени сүйөсүңбү? - Кадырбү Алимдин мойнуна колун арткан бойдон бактылуу жылмая төшүнө башын жөлөдү.

- Сүйөмүн деп сага айткандан тажабадым, сен ишенбей кыйнап эле келатасың…

Кемпир ушуга чейин угуп андан кийинкисин угалбай өз үйүнө кирип кетти. Эч кимге көргөн билгенин айтпады: "Ушуну менен токтоп калбайт, сени шашпа" деген ойдо болуп калды. Алим менен Кадырбү таң сүрө кайырлашып Алим жолуна түштү, Кадырбү өз төшөгүндө эч нерсе билбегендей жатып калды. Түнү менен махабаттын көлүндө чабак урган келин катуу уктаган экен, Токтобайдын тамагын кыра жөтөлгөн добушунан ойгонуп чоочуп туура калды.

- Келип калдыңбы Токо, уктап калганымды кара, - Ал шаша кийинип тура калып төшөгүн жыйнады да тамагын жылытып алып келди.

- Үйгө бирөө келди беле? - Токтобай капыстан сурап калды.

- Мм… жо-ок, эмне болду? - Кадырбү уурусу кармалгандай алаңдап кетти.

- Тамагыңды таттуулап жасап, анан ашыкча идиш кошулуп калганын айтам да, - Токтобай капарсыз ага жылмайды, - Келсе келээр, кишинин үйүнө киши келет, ансыз да кызым экөөбүз жапайы болуп кете жаздап эми адамга кошулуп калганда, - Ойунда эчтеке жок өзүнүн кунарсыз өткөн аялы өлгөндөн кийинки күндөрүн ойлоп сүйлөгөнүнө эс ала түшкөн Кадырбү унчукпай калды: "Өх, бир кудай сактады, билип койдубу деп жүрөгүм түшкөнүчү" деп өз ишине киришти. Зуура туруп тамактангандан кийин сабагын даярдоого киришти. Ага Токтобай берилип жардам берип, билбегенин айтып берип атты:

- Зукеси, кечинде даярдап алсаң болмок, тапшырмаң көп тура, - деди Токтобай.

- Аа-а, мен аябай чарчап калыптырмын, анан… анан аны эртең эле жазып аласың деп койдум эле… - Кадырбү өзү озуна жооп берди.

- Апаң эс ала берет эле, оңойлорун өзүң даярдап жүр макулбу, сабагыңдан артта калып, отличник болбой каласың, кызым.

- Мындан кийин өзүм даярдайм, кечинде эле бүтүрүп алам! - Зуура атасына убада бергендей эркелеп койду, - Мен дайыма отличник болом!

- Садагам менин, ошентип жакшы окугун, кийин чо-оң окууга окутам, менин бир классташым окуу жайлардын биринде иштейт экен, бир сени окута албасам анан…

- Зукешти чоң окууга окутуп экөөбүз шаарга барып турат экенбиз да? - Кадырбү жумушун бүтүп ата баланын сөзүнө аралашып жанына отура калды.

- Ананчы, буйруса кызымды жакшы окууга киргизип койсок, - Токтобай ошол кезде эмнени ойлонуп кетти белгисиз, тунжурай түштү.

- Атасы-ы, кызың эми биринчи классты окуп атат, жалгыз калам деп санааркай түштүң окшойт ээ? - Кадырбү Токтобайга жагалдана ийнине башын жөлөй эркелеп калды, - Кызыбыз чоңойгуча экөөбүз картаябыз, тапканыбызды Зукешке деп катып коюп жөнөтүп турабыз.

- А сен мага бөбөк төрөп бересиңби? - Зуура капарында эчтеке жок сураганда экөө бири-бирин карап калды.

Токтобай кызын аста ээгинен көтөрө:

- Кызым аны кайдан билесиң? - деп күлүп калды.

- Мага Сайра апам айткан, сага жаңы апаң бөбөк төрөп берет деп, мен чоңойдум, өзүм эле багат болчумун!

- Тилегиңден айланайыным десе, буйруса болоор ал дагы, ылайым эле бөбөктүү болсоң үйүбүз толуп калбайт беле? - Кадырбү ыңгайсыз абалын билгизбей Зуураны эркелетип койду, - Ак жолтой болсоң экен, - деп ойлуу отуруп калды.

Анткени ал эки баласын тең операция жолу менен төрөгөн, экинчисин төрөгөндө врач: "Эми төрөсөң өлөсүң, кызың да, уулуң да бар экен, болду төрөгөнгө болбойт" деп бекитип койгон эле. Ошондуктан өзүн ушул азыр бул үйгө керексиздей сезип кетти.

- Шашпаган арабакеч араба менен койон уулаптыр дейт, болоор ал дагы, "кудайдан сураган адам алат, кесирлүү калат" дегендей жок дегенде Зукешиме бир ини, же сиңди төрөп берип койсоң болот эле, - Токтобай өз ойун айтып Зууранын башынан сылап койду, - Кызым, түш болду, сабагыңдан кечикпейсиңби?

- Жоок, бир саат бар, эрте барып ойной беришет, а мен антпейм, коңгуроо болоордо барып калам.

- Садага кетейин сарым десе, ошентип акылдуу кыз бол, кызым, - Токтобай кубанычын жашыра албай кудуңдап отурду.

Кадырбү түшкү дасторконун жайып чай койду. Зуура чай ичип алып мектепке кетти. Экөө жалгыз калды. Кайсактаган Кадырбү идиш-аягын жууп өзүнчө убара: "Билгизип албасам экен, кокус билип калса ичим тап неме мени жөн эле жеткирип салат" деп убайымда. Ошол учурда төрдө жамбаштап жаткан Токтобай өзүнчө ойго чөмүлдү: "Ушуга чейин ойлобогонумду кара, ырас эле жаш эмеспи, бирди төрөп берсе эрмек деле болбойбу. Зукешим өтө бир мүнөз, оор басырыктуу адам болот, чоңоюп да баратат, Кадырбүдөн сурап көрөйүнчү, төрөөр бекен" деген ойдо болду:

- Каким, отурчу жаныма, жумуш курусун бүтөөр, келчи жаныма!

- Мына чал, - Кадырбү ички сар-санаасын сездирбей анын жанына келип отурду, - Кана сүйлө, эмне кеп?

- Какиш, Зуурам туура айтат, сен төрөп берсең жакшы болот эле, экөөбүзгө эрмек дагы болмок, - Ал келинчегин кучагына ала башын башына тийгизе эркелеткен болду, - Айтчы, төрөп бересиңби?

- Кудайым берем десе кулуна, белек кылат жолуна деген, биз адамдар, берсе таштабайм, бербесе какшабайм дейбиз го, кудай буйруса көрөбүз да, - сыр билгизбей күлө бага жооп берип отурган менен кыйналып отурду.

- Ооба, туура айтасың, кудай берип койсо уулбу, же кызбы төрөп берчи! - Кадырбүнүн алдына башын коюп алганына өзүнчө эрээркеп өөп, - Зукешиме шерик төрөп берчи! -деп олдоксон чачтарынан сылап койду.

Ушул кезде Кадырбү: "Тобо-о, эркектей эби-сыны жок, деги аялдын эмнени самап, күтүп жатканы мунун ойуна да келбесе керек, деги мунун жүрөгү барбы же макулук сымал жаралган немеби?" деп ойлоп ошол замат Алим экөөнү салыштырып атты: "Ал жан-алы калбай, чолоо жеримди калтырбай өөп, тим эле жанымды сууруп алчудай болот, козголбогон эркектин чын эле малдан айырмасы кайсы" деп ойлонуп көпкө отурду. Токтобай чынында Уулжан экөө жалгыз калганда ойносо ойунга канбай, бири-бирин эмеле көрүп, эмеле кумарга батса да көптөн бери көрүшпөгөн жандай бири-биринин сүйүүсүнө, эркелетүүсүнө канбай сагынышып тураар эле. Арадан өткөн жети жыл Токтобайды аз жерден сенек кылып койо таштаган экен, аз болгондо эркектик кыймылы токтоп калмак. Ал кээде ойлонуп отуруп Сейдимкүлгө ыраазы болуп кетет: "Ошол болбогондо аял алуу деген оюма келбеген эле, чындап шал болуп чалдан айырмам калбай калмак экенмин" деп жылмайып алды.

Окшош, салкын күндөр өтүп жатты. Коңшу чалдын кемпири алтымышка чыккан аял ар күнү көзөмөлдөп Токтобайдын үйүн карап жүрдү. Ал Жийдегүл деген аял эле. Акыры анын үйүнө чоочун адамдын Токтобай жокто келээрин да билди. Кадырбү эч нерсе болбогондой жүргөн менен жүрөгү бир нерсени сезип, түпөйүл болуп атты. Ошол кечте Алим келип ага Кадырбү өз ойун айтып ыйлап отурду.

- Алим, сен эркексиң, эч нерсени сезбейсиң, менин жүрөгүм бир жамандыкты сезгендей кыжаалат, эгер тилимди алсаң ушул түн экөөбүздүн акыркы түнүбүз болсун, мындан ары жолугушпай эле койсок кантет?

- Эмнеге, менин келгенимди эч ким билбейт, күйөөң болсо эч нерсени сезбеген дөң неме экен. Эмнеге кыйшаңдап калдың, өзүң шылтоо кылып жатат окшойсуң?

- Кой Алим, эри бар аялдын минтип жүрүшү болбойт экен. Уурунун көчүгү кууш, менин дагы абийирим төгүлүп жүрбөсүн, адам катары мени түшүнсөң, кудай жалгагыр…

- Эч нерседен кабатыр болбо, билдирбейбиз өлгүчө, мен сенден ажырабайм, кыйшаң-мыйшаң дебей жөн жүр!

Алим жиндене үнүн бийик чыгарып ийгенде Зуура ойгонуп кетти. Башын көтөрүп тура калганда Кадырбү Алимдин оозун жаба койду:

- Болду, кызым ойгонуп кетти, - деп ички үйгө кирип кызды алаксытып, - Кызым коркпой уктай гой, менин агам келиптир, ошол менен сүйлөшүп жатам, уктай бер, аа, - деп коюп үстүн жаап коюп кайра келди, - Эмне болуп атасың, кыз ойгонуп көрүп койду, эртең ага көргөнүңдү айтпа деп жалынып-жалбарам. Сен мени түшүнсөң боло, балдарымды таштап ушул жерге эптеп жашап калайын деп ойлогом…

- Мындан чыксаң да өзүм багып алам, эч коркпо деп атам го, келчи андан көрө жаталы! - Ошол кезде Зуура уйкусу канып төшөктү акырын ачып карап жата берди. Эшиктен Жийдегүл аңдып атты.

- Алим, бүгүн мейли, акыркы жолу болсун, жакшы эле түшүндүрүп жатам, эгер дагы келсең уруш чыгарып, коңшу-колоңду чакырып кууп чыгам, андан көрө жакшылыкча ажырашалы, жакшы эле жүрдүк. Сен да мага ыраазы бол, мен сага ыраазымын, - Кадырбү төшөк салып бир аздан кийин экөө төшөккө киришти.

Зуура таңгалып карап жата берди.

Түнү менен төшөк ойунунан ырахат алган экөө таңга маал туруп коштошту:

- Сен мени токтотом деп ойлобо, кандай келем, ошондой тосуп аласың, эч качан сенден, эч качан ажырабайм, оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук! - деп чыгып кетти.

- Келбейсиң, келсең ошол күнү өлүп сенин колуңдан жанымды бергидей болом! - деген Кадырбү кала берди.

Зуура төшөгүн жаба жатып алып: "Апам эмнеге өлөм дейт, өлүп калса атам экөөбүз дагы жалгыз калабызбы" деп ойлоп жатып уктап кетти. Кадырбү аны уктап жатат деп ойлоп жата албай төшөктөрүн жыйып, үйүн шыпырып, тамак жасап күйөөсүн күтүп алды.

- Келдиңби?

- Келдим. Кандай, тынч жаттыңарбы?

- Тынч эле, өзүңдүн ишиңде тынчпы? - Сый гана бири-биринин ал абалын сурашып, ээрчише үйгө киришти, - Зукеш уктап атабы?

- Ал уктап атат, жөн кой, уктай берсин.

- Уктай берсин, сабагын даярдады беле?

- Ооба, сабактан келип эле киришкен, мен жардам берип экөөлөп даярдадык.

Салкындык, суздук да адамды кээде тажатып жиберет эмеспи, Токтобай жокто аны менен өмүр бою жашап калайын деп ойлогон менен ал келгенде ушул суз жашоодон тажап Алимдин айтканына көнүп, жашырынып да болсо жашап калгысы келет. Ушул дулдуйган адамдан биротоло кеткиси келип кетет. Алимдин өзүнө болгон мамилесин, оттой жанган ысык денесин эстеп өзүнчө бушайман болуп атты. Токтобай жаман ойдон алыс тирлиги өтүп, кызынын аман жүргөнүнө ыраазы. Зуура алар чай ичип отурганда ойгонуп эшикке чыгып кетти да, кайра келип дасторконго отурганда:

- Апа, сен эмнеге түндө өлөм дедиң, өлөм дебечи апа! - деп байоолук менен сурады эле Токтобай чоочуп кетти:

- Эмне дейт, өлөм дегени эмнеси? - деп Кадырбүнү караганда ал сөз таппай Зуураны кучактап оозун баса калды:

- Кызым, кайдагыны айтпачы, атаң экөөңдү таштабай калайын, кел чайыңды иччи, - деп колуна чыныны кармата койду, - бала неме түш көрсө керек…

- Ыкы, түш көргөн жокмун, сиз бир кишиге ыйлап, өлөм деп атпадыңызбы?

- Кайдагы киши, эмнеге өлөм дейт? - Токтобай түшүнө бербей экөөнү жал-жал карап, туруп калды.

Кадырбү не дээрин билбей аргасы кете ыйлап ийди.

- Түндө байкем келиптир, балдарыман кабар алганы барса балдардын жүзүн көргөзбөйм, балдарымдын апасы да бар, ал биз үчүн эбак өлгөн дептир, балдарымдан тирүүлөй айрылганча өлүп калганым жакшы эмеспи, - деп анткорлоно ыйлап ийди.

- Андай болсо жөнү бар экен. Кейибе, балдар чоңойсо өздөрү эле чечет, энени эч качан кечпейт, көп капа болбо, Өмүрбек келсе кайра эле кетип калдыбы анан?

- Кечинде келген, тамак жасап бердим, анан кайра эле кетти, - Кадырбү жакшы шылтоо тапканына кубана ичтен кымыңдай: "Кудай жалгап балдарым оозума кире калып ырас болбодубу, желмогуз десе, уктабай жатып баарын көргөн го?" Ойлонуп кызды жек көрүп кетти ошол саам.

Зуура болсо бала эмеспи, алардын сөзүн угуп тим болду. Сабагын окуп отуруп алды.

- Ушу кыздын мүнөзүнө таң калам Какиш, баладай болуп бир ойнобойт, балалык доордун өзү кандай сонун, качан болсо үйдөн чыкпай отурганы отурган, - Токтобай кызынын ойнобой үйдө отурганына кейий кетти, - Элдин балдары ойноп эле жүрөт.

- Ага эмне кейийсиң, атасы? Кызыбыз буйруса Акылкарачачтай акылман кыз болот, - деп Кадырбү күйөөсүнүн көңүлүн көтөрө сүйлөп койду.

- Ананайын жаман кызым, аман чоңойсо болду, - деп Токтобай сыртка чыгып кетти. Ал чыгаары менен Кадырбү Зууранын жанына отура калып:

- Кызым, сен көргөнүңдү, укканыңды атаңа айтпай жүр да, атаң ойлонуп капа боло берет да, бала деген эчтекени айтпаш керек, ойлонсо атаң ооруп калат.

- Эми эчтеке айтпайм, атам экөөңөр оорубагылачы апа, - Зуура чын пейили менен апасын кучактап ыйламсырап ийди.

- Садагам десе, сен акылдуу кызсың да?

- Апа, Акылкарачач деген ким эле?

- Акылкарачач деген илгери бир кедейдин жалгыз, абдан сулуу кызы болгон экен, анын акылдуулугунан ханды жеңип кеткен экен.

- Хан деген эмне?

- Хан деп бизди үстүнөн караган Брежнев деген бар, ошону айтат, сен жакшы окуп, китепти шар окуп калсаң жомокторду алып келип берем, баарын түшүнөсүң.

- Ии-ий бат эле китеп окуп калсам экен, - Зуура апасына эркелей кетти, - Чо-оң, чоң китептерди алып бересиңер ээ?

- Алып бербей анан, алып беребиз.

Эки күнгө чейин күйөөнүн көңүл отун эргитип, ысуулата тамагын берип, жылуулап төшөгүн салып, жанына жатып кумарын кандырган менен, жүрөгүндө адамдан артыкча арамдык турган аялдан болсо да миңдин бири болоор, бирок сүйүп кучактап, кубанып жашап жаткан эрин ар бир аял минтпес эле. Кадырбү да миң аялдын бири болуп бара-бара кууланып, түрлөнүп, шылтоосу көбөйүп баратты. Зуура андан кийин далай көрдү, бир күнү ал атасы жокто:

- Апа, сиздин байкеңиз дайым эле түндөсү келип сиз менен жата береби? - деп капысынан сурады.

- Эмне-е, сен түндөсү такыр уктабай калгансыңбы? - Кадырбү кызды ушундай бир заар толгон көзү менен ата карады эле, Зуура коркуп кетти.

- Мен уктап калсам өзүңөр ойготуп атпайсыңарбы, катуу сүйлөсөңөр ойгоном да?

- Анан, анан эмнени көрдүң? - Кадырбү коркуп кеткен кызды аяй жумшара түштү.

- Ошол, силер таң атканча уктатпайсыңар!

- Бала деген эчтекени карабаш керек, ары карап жатсаң эле уктай берет элең да?

- Кантип, сиз аябай ыйлайсыз, ал киши төшөктү кыймылдатып сизди ура берет…

- Кой кызым, ал мындан ары келбейт, тынч уктайбыз, мен сенин жаныңа жатам макулбу, атаңа эчтеке айтпа.

- Атама айтпайм, ооруп калабы дейм.

- Ошент кызым, айтпай жүр, бүгүн дем алыш, сени жуунтуп кир жууюн, жүр менин жаныма, - деп сыртка алып чыкты.

Экөө кечке жаздын алгачкы күндөрүндө кир жууп, божурашып отурушту. Кечинде тамак жасап жатып, жүрөгү айланып кускусу келгенде чоочуп кетти Кадырбү: "Кудай ай, эмне болуп кетти, боюма болуп калдыбы? Кимисинен болду, өмүр бою ак никемдин алдында өзүмдү күнөөлүү сезип өтөм го, а наристемчи?" деп сыртка чыгып ыйлап алды. Зуурага ыйлаганын көрсөткүсү келбей көпкө эшикте туруп анан кайра кирди. Жасаган тамагынан иче албады, жүрөгүнө барбады, анык бойуна болуп калганын сезип алтымыш тамыры сыздай ичинен кан өтө көзүнөн жаш чыкпай жүрөгү ыйлап атты: "Эки балам деле энесиз башка бирөөнү апалап өсүп жатканы жетпейт беле", - "Зуура го энеси өлүп айла жок калды, а мен бейбак тирүү туруп балдарымдын жүзүн көрө албай отурам, анан да эки эркек менен бирдей жатып жүрүп нокотек бала төрөгөнүм кудайга да жакпас, эми Токтобектин жүзүн кантип карап, боюмда бар деп кайсы бетим менен айтам?!" деп жатып алып түнү менен ыйлап да ойлонуп да уйкудан калды. Эртеси таң атпай туруп алып Токтобай келгиче бети-колун жууп, үйүн жыйып, шишиген көздөрүнөн тартынып күзгүгө каранып жатты. Алим негедир ушул түнү келген жок. Эшиктен кирген Токтобай кирип келип эле:

- Кадырбү, кийинки күндөрү сен мен жокто такыр эле уктабайт окшойсуң? - деп күлө багып карап калды.

Кадырбүнүн жүрөгү болк эте: "Жөнөкөйдө Какиш дечү эле, бүгүн буга эмне болгон, бирөө жарым байкап коюп айтса керек" деп бушайман болуп бирок билгизбей:

- Эмнеге, уктап эле жатам, түндө өзүм негедир кыйналып чыктым, - деп жооп бере салды.

- Ээ, ошондой эле болсун, а-аа эмнеге уктай албай чыктың, ооруган жоксуңбу? - Токтобай аялынын чекесин басып көрүп, - Этиң ысып турган го, жылуу жатып өзүңдү карасаң боло, - деди.

- Кечээ күн жакшы тийип турганынан сыртка Зукеш экөөбүз кир жууп койдук эле, бир аз ысып турса дары ичип койсом жакшы болуп калам. Отур тамак ичели, жүрөгүмө да эч нерсе барбай жатат, - Кадырбү дасторконун жайып тамагын куюп, жагалданып атты.

Токтобай өзү токтоолугунан үн дебей отурду, анткени ага Жийдегүл алдынан тосуп чыгып учурашканда:

- Жакшы жүрөсүзбү, ушу жерде жүрүп, жолугуп сүйлөшө деле албайбыз.

- Жакшы балам, мен деле беймаал убакта сени тосуп сүйлөшкөнүм болмок эмес, башка аялдарча ушакты элге таратып коюп, билмексен болуп жүрө берчү куракта эмесмин, - Жийдегүл жакындай калып ага шыбырай калды, - Бу аялың соо эмес, бул ишти мен сага айтпасам болот эле, бирок айтпай койууга дитим чыдабады…

- Айта бериңиз, анчалык эмне болду? - Токтобай көңүл бура кулак түрдү.

- Көптөн бери мен сен жокто үйүңө түн катып келип жүргөн эркек жөнүндө айтайын дегем.

- Ал эмне деген эркек экен…

- Кайдан билем балам, ушул жашымда мага деле уят сага аялыңды ушактап турганым, - Жийдегүл эки жакты карап алды, - түндө келген жок…

- Ошондой деңиз…- Токтобай ойлуу үйүн көздөй кадам шилтей бергенде Жийдегүл аны колтугунан кармап токтотту.

- Ачууланба, өзүң токтоо жансың, адегенде байкап көр өзүң, анан деле териштиргенге жетишесиң.

- Ма-акул эне, кабатыр болбоңуз, - Токтобай бурула берип кайра Жийденин жанына келди:

- Муну сизден башка жан билбейби?

- Жок балам, жан адамга оозумдан чыгарган жокмун, ал ат менен келет күндө, башка дагы байкагандар болсо билбейм.

- Рахмат сизге! - деп үйүнө кирип короо жагын карап тамдын бурч жагындагы бош турган казыкта тоңгон жаңы жылкынын богун көрдү: "Чындыктын бир бөлүгү" деп коюп анан босогосунан Кадырбүнү жолуктуруп ага какшык менен сөз узаткан эле: "Бул чындыктын экинчи бөлүгү, түндө келбей калганга уктабай чыккан экен. Аял алдым деп, бир шуркуяны койнума катып жүргөн экенмин" деп үндөбөй отуруп калды: "Чындыктын үчүнчү бөлүгү өтө оор да, өтө ачуу болоор, баарына чыдайын" деп келерки кароолго кетээр күнүн күтүп билмексен болуп эс алууга жамбаштай кетти. Эки күн чарк көпөлөк айланып алдына ашын коюп, кийимин жууп, эч нерсе билбегендей болгон менен Кадырбү ичинен азап чегип атты: "Эми келсе ага айтам боюмда бар экенин, мен эмес ал күнөөлүү, тынч жашап жатканымда жашоомо бүлүк салды, кайсы бетим менен сенин балаң, төрөп берем деп айтам", деп тынчы кетип улам окшуп коюп ойлоно берди. Зуура сабактан келип:

- Апа, эртең мектепте ата-энелер чогулушу болот, ошого сиз барасызбы? - деди. Кадырбү Токтобайды карады.

- Барып келесиңби? - Токтобай андан сурады эле ал:

- Мен ооруп турам, анын үстүнө жүрөгүм айланып эле кусуп атам, көп элдин ичинде кусуп жүрсөм уят го?

- Эмнеге кусуп атасың?

- Ашказаным ооруп калса керек, - билмексен болуп жооп бергенине ичинен жини келсе да: "бойуна болуп калса керек, өзүм баштан чунак жан элем, жумушту өткөрүп берип эле үйдө болсом анысы келбей калат да, унутулат" деп ойлоп жиберди.

- Ашказаның ооруса доктурга көрүн, көбөйтүп албай, - деп анан ал да билмексенге салып койду.

- Эртең бара албайм, эптеп эле кыймылдап жүрөм, жаным жер тартып жаткым эле келип жаман болуп …

- Антпей көрүн да, - Токтобай аны сүйлөтпөй сөзүн бузуп жиберди, - Кызым экөөбүзгө сен керексиң!

- Ансыз да жаткым келип турат, силерге тамак жасап койсом анан жатам.

- Тамакты кудай алсын, кызым экөөбүз баарына ыраазыбыз, - деп коюп аны болбой жаткырып үстүн жылуулап жаап койду.

Эшикке чыгып малына чөп салып кайра кирди: "Малды камаганга али эрте, койо турайын" деп Зуураны окутканга киришти. Ушул үчүнчү чейректе ал шар окуй баштаган, эсепти да жакшы чыгарат. Отуруп алып экөө тапшырма аткарып анан малын жайлап үйгө кирди. Зуура экөө чай кайнатып ичип жатып алышты. Жанына жаткан менен Жийденин айткан чоочун, белгисиз эркекти ойлогондо андан жыйрылып: "Балким мен тааныган бирөөдүр, шылдыңдап күлүп атабы, же коңшулардын балдарынанбы? Жо-ок, атчан жүргөнүнө караганда алыстан келет, демек менин эки күндө бир жолу кароолдо болоорумду так билген неме" деп башы ката уйкусу келбей ооналактап атты. Кадырбүнүн абалы андан да жаман, жатканы көзү илинмек турсун көзүн көлдөтө ыйлап жатты. Эртеси эрте туруп Токтобай жумушуна эч нерсе ичпей кетип калды. Кеч турган Кадырбү чай ичип алып дарыканага барды да бир топ дары алды. Анан үйүнө келип: "Бүгүн түнү мен өлүшүм керек, ошондо гана ичимдеги баланын алдында, эримдин алдында күнөөмдөн арылам" деп жаман ойлорго жетеленип:

- Зукеш, - деди Зуураны чакырып, - Мына бул шакектерди сен бекитип ал, ээ?

- Эмне үчүн, сиз тагынбайсызбы?

- Жо-ок, тагынгым келбей атат, сен бекем катып кой, бир күнү тагынаармын… - деп коюп: "Арамдан алган буюмду тиги дүйнөгө, кудай алдына бараарда колумдан алып эле койойун, эгер бүгүн дагы Алим келбесе ал келбейт, анда мен тирүү калам, келсе дал ошонун көзүнчө өлөм, ал менин турмушумду бузганы үчүн жазасын алсын" деп ойлонуп нес боло кечти күтүп атты. Негедир ушул күн узак болуп кечтин кириши кыйын болду. Зууранын чогулушуна Токтобай өзү барды.

- Сиз Зууранын атасы болосузбу? - деди орто бойлуу, чачын желкесине түйүп алган отуздардагы келин коридордон жолугуп.

- Ооба.

- Абдан жакшы. Зуура жакшы окуйт, дайыма таза, сабактан да калбайт, кызыңыз менен сыймыктана берсеңиз болот! - Жылмайып койду эле оозундагы алтын тиши жараша түштү.

- Рахмат карындашым, бирок сыймыктанууга али эрте го дейм? - Токтобай да аны карап жылмая жооп берди.

- Алгачкы кадамы жакшы, демек баары жакшы болот, чогулуш болмок, залга кире бериңиз?

- Чоң кыз, эгер өтө зарыл болбосо жумушумдан калбай кете берсем болобу? Ордума бирөөнү коюп келе бердим эле?

- Аа-а апасы келсе болмок, ата-энелердин чогулушуна сизди же апасын президиумга шайласакпы деген элек…

- Чоң кыз, кечирип коюңуз, апасы жок!

- Кечирип коюңуз, дагы бир келээрсиз, кызыңыздын жакшы окугандыгы жөнүндө, үчүнчү чейректе да отличник болгонун айтмакпыз…

- Мактоого татыганы үчүн кызыма ыраазымын, силерге рахмат!

- Бара берсеңиз болот, кечиресиз, - Мугалим кыз аны жылмая узатып койду. Чынында Токтобай ордуна бирөөнү коюп келген эле. Ал Кадырбүнүн баралбайм дегенине абдан нааразы болду. Ойлуу Зууранын классына барып ага жолугуп коюп анан кетти. Ойунда кечки ойун кандай болоор экен деген бүдөмүк окуя…

Кадырбү кечке жуунуп тазаланды, кудайдан кечирим сурады, анан үйдө кийчү халатынын чөнтөгүнө алакандай кагазга кат жазып салып койду. Аны мындайча жазды, ыйлап отуруп жазды:

"Токтобай, мендей эси жок аялды кечир, мен өзүмө-өзүм кылдым… Алим менен мурунтан тааныш элем, балдарымдан да ушул үчүн ажырагам. Ырас, өзүм дагы жакшы көрчүмүн, сага келээрде ага эскерткемин, 'эми мага тоскоол болбо, ак никелеп алган күйөөм менен татыктуу таза жашайын' деп. Бирок сага келгениме үч ай болгондо дагы таап келип калыптыр, канча жолу урушуп талаштым, бирок болбоду. Айла канча, арманым ичте кетип атам. Сендей момун адамдын төшөгүн тебелеп, үмүтүн актай албай, көңүлүн уурдап жасалма күлүп алдап жүргөнүм үчүн кечир мени??? Кыскасы канча урушсам да акыры аны кыялбадым, анан боюмда бар экенин билдим, сенин жүзүңдү кароо мен үчүн өлүмгө тете болду. Мени кечиргиле, уятымдан жер үстүнө батпай калдым… Кош Токо, аз да болсо жакшы мамилеңе татыдым. Кошкула апа, бир туугандарым…" деп көпкө катты мыкчый кармап ыйлап отурду да чыйрала түштү: "Маңдайга жазса өз ажалынанбы, же өзүн-өзүбү өлтүрүп өмүрдөн эчен адам өтүп жатат, мен ошолордун биримин да" деп ойлоп Зуура мектептен келгиче тамагын жасап күтүп отурду. Ал келгенден кийин үзүлүп түшө:

- Зукеш, мени чогулушка барбады деп таарынган жоксуңбу, мен дары ичип кичине жакшы болуп калдым, келе гой экөөбүз тамак ичели, - деп бетинен өөп, сумкасын ары алып коюп жанына отургузду.

- Чогулушка атам барды, а сиз жакшы болуп калсаңыз эле болду, мен сизге таарынбайм, - Зуура апасынын жанына отуруп алып санаасыз тамактанып атты.

- Кызым, сен баягы шакектерге бул чынжырды дагы кошуп кой, кереги тиет, кана алып келчи шакектерди.

Зуура ордунан шып эле туура калып, шакектерди алып келди. Төрт шакек, экөө көздүү, экөө жумуру. Кадырбү колуна алып көпкө тегерете карады да төрт чарчы чүпүрөккө чынжырчаны кошуп бекем ороп түйдү, анан өзү туруп сандыкты ачып эң түбүнө салып:

- Көрдүңбү кызым, мына бул жерге катып койдум, эч кимге бербе, менин сага калтырган белегим ушул болсун, - деп кайра сандыкты жаап бекитип ордуларына келип отуруп сабагын даярдашты.

Күүгүм кире төшөгүн салды да Зуураны жаткырып коюп кимдидир күтүп жатты: "Балким менин ажалым жетип калган чыгаар, ал бүгүн сөзсүз келет" деп дарыны даяр коюп кыңкайып жатып алды. Ошол кезде үчүнчү чындыкты өз көзү менен көрүү үчүн Токтобай жумушунан чыгып уурдана үйүн көздөй басып илең-салаң болуп келатты: "Эмне кылсам, тим койсомбу, не кереги бар? Ачуу чындык адамды уу ичирет, билмексен болуп жашай берсемби же өз көзүм менен көрүп туруп ошонусуна кошуп үйдөн чыгарып салсамбы?" деп үйүнө тез эле жете келди.

Бул кезде Алим келип калган, аны көргөн Кадырбү:

- Менин сага айтканымды укпадың Алим, ушуну менен экинчи жолу үйбүлөмдү бузуп жатасың, менин убалыма калдың, - деп сыртка чыкты да: "Кечигип калбайын, дал ушунун колунда өлүшүм керек" деп ойлоп даярдап койгон дарыны уучуна толтуруп бир аз карап туруп оозуна салды да артынан суу жутуп алды, ал чыныдан суу ичип жатканда Алим чыга калды:

- Сен эмне эле кыйшаңдайсың ыя, сени сүйүп калганым үчүн мен күнөөлүүмүнбү? - Ушул учурда терезенин түбүндө Токтобай тыңшап туруп калды, - Мени келбе дегениң бекер, экөөбүз тең өлмөйүнчө мен сенден эч качан кетпейм!

- Анда мен азыр өлөм, сен дагы өлөсүңбү? - Кадырбү көзүнүн жашын куюлта заардуу үн катты.

- Койсоңчу, кайдагыны айтпай! Кел жаталы, сагынып кеттим, - Экөө өбүшкөндөй болгонун угуп Токтобай чыдап тура берди.

- Алим, менин боюмда бар, сенденби, анданбы билбейм, баламдын убалына калдың, ак никемди буздуң! - Алимди түртүп жиберди.

- Убалыңды сенин, башында мени сен азгыргансың, эми ак никемди буздуң деп мени күнөөлөйсүң, мен сен үчүн канча чачылдым, төгүлдүм, эч нерсени аяган жокмун, - Алим аны жетип жаакка чаап жиберди.

Арадан жарым сааттай убакыт өткөндө Кадырбүнүн көзү караңгылап башы тегерене баштады.

- Сен мен үчүн чачылсаң, сен деп балдарымдан, кан жанымдан жаралган балдарымдан тирүүлөй айрылып отурам, - Кадырбү үнүн пас чыгарып теңселе түштү, - Менин өмүрүм, өлүмүм көргөн-билгенге сабак болоор, адамга жакшы жашоо, тынч турмуш дагы жакпайт тура, сага жолуктум, жолумдан адаштым… - Отура калды, - жараткан адам баласына бардыгын берет экен, биз баалай албайт турбайбызбы, жашоого татыктуу эместигибизди өзүбүз тастыктап койот экенбиз. Татыктуу жашап өткөндөр чанда болот тура… - Ал жыгылып баратты, колу менен жүрөк тушун кармай калды, - Ко-ош, кош менин эңсөөм, арманым-м, азабым менен кубанчым, мен бул дүйнөгө көпкө турууга татыксызмын! - Кадырбү шалак этип жыгылып кетти, оозунан ак көбүк чыгып турду.

Алим адегенде эч нерсе түшүнбөй делдээ карап туруп анан:

- Кадырбү, сага эмне болду, Какиш?! - Жулкулдатып атып чоочуп кетти, - Эмне болду сага, турчу өйдө, башыңды көтөрчү! - деп атканда Токтобай анын үнүн угуп жүгүрүп кирди. Аны көрүп Алим өйдө болуп, - Өзүн жоготуп койду го, мен врач чакырайын, - деп алдастай чыгып кетти.

Токтобай оозуна сөз кирбей эле аялын жөлөп:

- Какиш, турчу өйдө, ооруп атсаң жылуу жат дебедим беле, көп ойлонуп койдуң го? - деп аны эптеп көтөрүп төшөккө алып барды.

Жаткырып жылуу жаап, анан сыртка чыкты, эч ким жок экен: "Качып кетти, эми келбейт, баарын кечирем, боюмда бар деди го, төрөп берсе эрмек кылам, кызым жалгыз болбой калат, өтө ойлонуп кеткен го, энеңди акмак, келбе дегенине да карабай кыйнаган экен" деп ары-бери басып жүрүп кайра кирип чекесин басып көрсө муздак. Колдору, бүт денеси таш муздак болуп калганын көрүп чоочуп сыртка чыгып: "Чуу көтөрбөйүн, жаман-жакшыны көргөн эмеспи, чакырып дем салдырып көрөйүн" деп коңшусунун үйүнө бет алды. Жийдегүлдүн күйөөсү молдо болчу. Алар келип тамырын көрүп эле башын чайкады:

- Токо, келин бала болбой калыптыр, эбак эле кеткен тура, - дегенде Токтобай башын мыкчый отуруп калды: "Ал муну катуу уруп ийдиби, балким атайын өлтүргөндүр, акмак десе, ушуга жеткирген айбан, мен сени жердин түбүнөн болсо да табам" деп ордунан тура калды. Ошол бойдон Алим келген жок.

Кадырбүнү врачтар келип көрүп "ууланган" дешти. Акыры аны жайына коюп отуруп калды. Алимди сотко берели деп Токтобай айтса төркүндөрү болбоду, анткени алар күйөөсүнөн башка эркек менен жүргөнүн угуп намыстанышты. Сексенден ашкан апасы:

- Бул дүйнөдө тынч жашай алган жок, эми чын дүйнөдө тынчыраак жатсын, балам, - деп койду, - Эми анын мүрзөсүн ачтырып кыйнабайлы.

- Ошентсе да, -Токтобай башка эч нерсе дей албады.

Анан кийим-кечелерин жыйнап атып кийип жүргөн халатынын чөнтөгүнөн кагаз түшкөнүн байкабай калды. Баштыкка салып коюп койду да үйгө кирсе Зууранын кагаз кармап окуп жатканын көңүл бурбай отуруп калды, жалгызсырай түштү: "Неге менин бактым ушундай, бүттү баары, эми аял албайм" деп ойлонуп отурганда Зуура:

- Ата, муну окуй албай койдум, түшүнбөй атам, - деп алакандай кагазды көтөрүп келди. Колуна алып караса Кадырбү жазган экен. Көпкө ойлонду, акыры төркүндөрү келгенде көрсөтөөрмүн деген ойдо бекитип койду.

- Кызым, сабагыңды окуй бер.

- Ата, эмнеге менин апам өлө берет, апам дагы жакшы аял окшойт ээ?

- Ооба кызым, абдан жакшы аял эле…

- Мен дагы кийин жакшы аял болом…

- Ок, антпей жүр дебедим беле, жаман болсоң да аман болчу, кызым, - Токтобай туруп келип кызын кучактап ыйлап ийди, - Кызым мени капа кылба антип, сенсиз мен өлүп калам,

- Сен өлбө ата, сен өлсөң мен да өлөм?

- Кой деп атам го, тур экөөбүз сыртка чыгып келеличи, - Кызын колдон ала жетелеп эшикке чыгып ары-бери басты: "Кой, каникул бүткүчө Зуураны тагамдыкына алып барып келейин, алаксысын" деген ойдо болду. Анткени Зуура үн чыгарбай өзүнчө бекинип, же төшөккө жатып алып ыйлай берчү болду. Кабагын ачпайт, ойлонуп отура берет…

Ошондон кийин Токтобай үйлөнгөн жок. Бирок Сейдим менен мамиле кыла коюп жүрдү, ал өзү келчү, сүйлөшүп жумушка шылтоолоп келет, анын үстүнө анын үйү ээн убакта келет, экөө анда-мында тамашалашып калып жүрүп экөөнүн мамилеси төшөккө жеткирди. Токтобай ага үйлөнүүнү каалаган жок. Кээ-кээде Сейдим бөтөлкө көтөрө келет, экөө аздап ичип алат. Кийин Токтобай ичкенин көбөйтүп баратканда Ысмайыл аны катуу тилдеп кетти:

- Эгер эми ичкениңди уксам эшигиңди аттабайм, жаман киши күйүткө жеңил болот, кайраты жок айбан, кызың чоңоюп калганда адам катарынан чыгып каласың го.

- Экинчи ичпейм, тага. Көп деле ичпейм, кээде эле ичкеним болбосо.

- Ошо аздап ичкенден башталат, арак деген мен дегендерди жолдон чыгарган, кантип сени башкарып алганын билбей каласың! - Каалгасынын карс деп жабылганынан билди тагасы чыгып кеткенин, жер карап отурган эле: "Кой мен ичкич болуп кетпейин, кызым чоңойду, уят кылбайын" деп отура берди селейип. Андан кийин үйдөн чыкпай кароолго барып келет да үйүндө, Сейдим да балдары бойго жеткенге келбей калды, уялса керек. Ошол бойдон Зуура чоңоюп бойго жеткенче жакшы жүрдү. Күйөө баласы Жайлоо аны өз колуна алып алды. Кызы Зуура менен күйөө баласы Жайлоо балалуу болгондон кийин ооруп оо дүйнө салып, Зууранын колунан чыкты…

Зуура чоочуп кетти, көз ирмемчелик убакытта ойлонуп өз тагдырынын ушунчалык өтө татаал болуп жаралганына кейип сырткы эшиги такылдап жатыптыр. Тургусу келбеди, Жийдегүлдүн айткандарын эстеди: "Кызым, апаң абыдан жакшы аял эле, байкуш Токтобайды сыйлап турчу, үн-сөзү жок, аялдан башкача жан болчу. Кадырбү деле жакшы эле, бирок ал бир гана жеринен жаңылып алды, аял аягынан аксаса оңолушу кыйын" дегени кулагына жаңыргандай болду. Эшик көпкө чейин такылдап анан тынчыды: "Кагылайыным десе, жалгызым аман келсе, атам менин" деп жылмайып уулунун элеси көз алдына тартыла түштү. Ойлонуп жатып Кадырбүнүн бала кезиндеги берген шакеги эсине түшө калып качантан бери каралбай сырткы бөлмөдө турган атасынын кара сандыгын оодарып көрүүнү чечти. Ал сандыкты эч ким карачудай болгон жок. Анда өзүнүн апасынын кийген көйнөктөрү, эски-уску буюмдар турчу, ыргытууга дити барбай ошол бойдон кээде алып көрүп кайра салчу. Бирок балалыгы го, шакектер эсинен чыгып кетиптир. Ордунан туруп жарыкты күйгүздү да оозгу бөлмөгө чыгып сандыкты ачып кирди. Эң түбүндө оролгон түйүнчөк ордунда экен, Токтобай жоош, момун адам эле, карап деле койбоптур: "Эми эскирди го, кырк беш жыл сакталган буюмдарды эртең өрттөп койойунчу", деп алып жатып дагы бир түйүнчөк таап алды. Ал ак сурптан экен, саргайып кетиптир, аны ары-бери карап туруп, үйгө кирип адегенде өз колу менен табыштаган Кадырбү апасынын түйүнчөгүн ачып карап көз алдына анын тагынып жүргөн кезин келтирип алды. Анткени анда алтын эмне экенин кайдан билсин, апасынын колдорундагы сары шакектерди суктана карап, бирок үндөчү эмес. Шакектер эч нерсе болбоптур, ошол эле бойдон. Колуна салып көрсө туура келди. Акырын алып коюп ороп койду. Анан өз апасынын түйүнчөгүн ачса күмүш билерик менен сөйкө бар экен. Алар менен кошо саргайып калган кагазды шашып ача койсо кат: "Токо, - деп башталыптыр, - Мен кудайдан тилек кылдым. Ушуну аман төрөсөм өзүмдү ал деп жалындым, кокус көзүм өтүп кетсе уулбу же кызбы, ушу менин салынып жүргөн буюмумду бер, кыз болсо өзү тагынаар, уул болсо үйлөнсө келиниме берээр, мен балдарым үчүн курман болууга даярмын, баланы жакшы кара, ата көптүн атасы деп коюшат эмеспи, кокус үйлөнүп калсаң кордото көрбө! Биз бири-бирибизди кандай сүйгөн элек, билесиңби, сен ушуларды мага сүйлөшүп жүргөнүңдө алты ай иштеп келем деп жоголуп кетип алып келгенсиң. Биздин сүйүүбүздүн күбөсү ушул, балабыздан балабызга өтсө кандай жакшы. Мен өмүрдөн өткөнүмө өкүнбөйм, менден бир гана учугубузду улар тукум калса болду… Азап чегесиң, кайгырасың, күйүттөн азып-арып кыйналаарыңды билип турам, анткени мени абдан катуу сүйчүсүң! Кош Токо, кош бол, кийи-ин кийин сен да бараарсың, ошондо жолуктурса жолугаарбыз. Аман бол, ушул катты кандай кыйынчылык менен жаздым. Сени, жарык дүйнөнү таштап башка дүйнөгө өтөөр кез аянычтуу экен… Кош аман бол, Токо! Сенин сүйүктүү жарың Уулжан" 1930-ж. Зуура катты окуп бүткүчө көзүнүн жашы эки бетин жууп атканын сезбеди, өз энеси кармаган буюмду колуна бекем кысып алып ыйлай берди. Бир топто эсине келди да: "Кой көп ыйлабайынчы, уулум аман келсе болду, ал келгиче буларды сатып үйдүн үстүн оңдотойун, алты ай ичинде үйдү жаптырып койсом ал келип сүйүнөт, анан үйлөнтөм. Баса, айылда кимдин кызы бар эле, жакшы кыз тапсам, келин алсам, ээ жараткан ушунуңа шүгүр, эрмегим эстээрим бар" деп түнү бою уктаган жок. Ойунда айылдагы кыздардын ар бирин көз алдынан өткөрүп атты. Бирок аны өксүткөн, кайгырткан, өмүр бою азап тартып уулунун жүзүн көрүүгө зар боло турган кабар келаткан эле…

Эртеси эрте туруп жуунуп алып нан жасап эки апасы менен атасынын арбагына куран окуду. Андан кийин күзгүгө келип апасы калтырган сөйкөнү тагынды, билерикти колуна салып алды да алтындарды дүкөнгө алып барды. Шакектери менен чынжырчаны көрсөттү эле аябай кызыкты.

- Аа-ий эже, булар илгерки алтындар экен, канчадан бересиз, бул жумуру шакекти алат элем.

- Ала кой, жакында уулум келет, ошого чейин үйдүн үстүн жаңылап койойун дедим эле, келсе үйлөнтөм да, - Зуура кудуңдай кубанычтуу сүйлөп жатты, - Атайын катып жүргөм.

- Абдан бекем аял экенсиз, ушунча байлыкты кантип катып жүрдүңүз?

- Уулум чоңойсун деп жүргөм, аскерден келгиче баарын даярдап койойун деп алып чыгып атпайынбы.

- Ырас эле эже, канчага бересиз? - Дүкөнчү ары-бери айландырып карап кызыгып жатты.

- Он миң рубльдан кем бербейм кызым, азыр акчанын саны бапыраганы менен сапаты жок болуп жатпайбы.

- Эгер арзаныраак берсеңиз алам.

- Ботом, үй жайымды оңдогонго жетпесе сатып эмне кылам, андан көрө катып жүрө берсем бир күнү баасына келээр… - Зуура арзан сураганга капа боло дүкөндөн чыга жөнөдү.

- Эже токтосоңуз, - Дүкөнчү кайра чакырып алды, - Таарынбаңыз эже, бирок бир аз түшүрсөңүз дароо алат элем…

- Өзүң айт, мен болоор жерин айттым.

- Тогуз берейин?

- Дагы кошо түш!

- Болуптур, тогуз жарым берейин.

- Ботом, азыр бир бөтөлкө арак үч жүз сом болуп атат, анын үстүнө илгерки нака алтын да бул…

- Тогуз жарым…

- Мейли, сүйлөштүк, - Зуура күлүмсүрөй колундагы жумуру шакектин баасына келгенине кудуңдап бере салды.

Дүкөнчү дароо акчасын санап колуна берди. Үйүнүн четинде дүкөн салынганы күнү-түнү ачык турчу, күйөөсү камаз айдайт. Таза алтынды көрүп кыя өткөн жок. Кудуңдаган Зуура андан келатып чоң дүкөнгө кирди, ал союз тараганы ачылбай калып колунда бар бирөө иштетип жаткан. Аерге келсе мугалимдер менен кошо айылдагы мыкчегерлердин аялдары отуруптур. Бирөөсүнүн туулган күнүн белгилеп жатышкан экен.

Зуура аларга акырын басып барып:

- Мен алтын сатып жүрөм, силерге керек эмеспи, кыздар? - деди сылык гана.

- Эмне деген алтын экен? - деди төр жагында отурган жоон аял оолгуй. Зуура аны сыртынан таанычу, жаңы фермер болгон Иса дегендин аялы эле.

- Алтындай эле алтын, таанып билгенге! - Зуура да өзүнө жараша жооп берип шакектерди көрсөттү.

- Эски алтындан экен, таза алтын тура?

- Ушулар жакшы, азыркы чыгып жаткан алтынга караганда булар таза!

- Канча деп атасыз? - Бирөөсү сурады Зуурадан көзүн албай.

- Кымбат го дейм?

- Бул он миң, бул экөө он эки миң, бул чынжырча жети миң, - Зуура колундагыларды ар кимисине карматып койду, алар кызыга кармап көрүп кайра беришти.

- Туура, булар кымбат, - деп бири отуруп калды.

- Токточу сиңдим, - деп кетип аткан Зуураны Исанын аялы токтотуп ордунан туруп келип колтуктай басканда ары жакта отурган бир келин:

- Алса ушул фермердин катыны алат, сүйлөшүп көрсөң бүт алышы мүмкүн! - деп калды.

- Сиңдим, экөөбүз сүйлөшөлү, айткан эле баага сата албайсың, эгер түшүп берсең үчөөнү алам, чынжырча менен эки көздүү шакекти.

- Берейин, баасы келишсе, буларды өз энем белекке калтырган экен, мен балам аскерден келгиче үйдү оңдотойун деп саткан атам, эже.

- Мен сени нааразы кылбайм, эртең ушул жерге кел, башкага сатпа, -деди.

- Макул эже, - Зуура ага күлө карап жөнөй бергенде:

- Үчөөнү отуз миңге бересиңби? - деди ал.

- Сүйлөштүк эже.

- Эртең ушул жерден күтөм, - деп ал калып калды.

Зууранын кулагындагы сөйкөнү көргөн келиндер:

- Сөйкөсү да абдан жакшынакай экен.

- Өзү бечара эле жашайт, буларды кайдан алды экен?

- Апасы өлөөрдө белекке таштаптыр, - деди.

- Ошондой… - дешип кала беришти.

Буларды уккан Зуура өзүнүн буюму өтөөрүнө кубанып: "Чынжыр өтпөсө койсун, өзүм тагынып алам" деп, анан ачка болгонун эми сезди. Көңүлү жай болгонго түнү менен уктабай чыкканга талыкшый чарчагандай үйүнө келатып: "Кырк миңге үйдү оңдотуп койсом уулум кубанып калсын" деген ой менен бат эле жетип келди. Аны коңшусу жолдон көрүп:

- Зуура, азандан кайда кеттиң эле, почточу таппай, катты мага таштап кетти, - деп колундагы катты кармата койду.

- Ырахмат эже, мен жумуштарым менен кеттим эле, садага кетейиним десе…

Зуура катты алып үйүнө кирбей эле ачып окуп кирди:

"Апа саламатсызбы, ден-соолуктарыңыз жакшыбы? Менде баары жайында, службам ойдогудай. Апа, мен сизге бир чоң жаңылык айтайын деп турам. Сиз үчүн оор, бирок айла жок… Мен быйыл барбай калдым, бул жакта дагы эки жыл иштей турган болдум. Көп кейибей күтүп, белиңизди бек бууп жашап туруңуз. Эки жылдан кийин бакыйган офицер болуп барып калам, бирок билбейм, жыйырма беш жылга кал дегенинен болбой атам. Убакыт апа, кол бошобойт, жакшы туруңуз, ойлонбоңуз, уулуңуз Темирбек. 1988-ж.".

Зуура колдору калтырап, көзүнүн жашы бетин жууп дубалга жөлөнүп эси оой отуруп калды:

- Кагылайын атам, атакем жалгызым, неге эки жыл… кантип дагы эки жыл күтөм? Жалгыз какчыйып өмүр өткөрөмбү садагам? Жок дегенде дагы бир кыз же уулум болсо аман болсун деп жүрө берет элем, карааныңды көрбөй кантип? - Мелтиреп отуруп катты кайра окуп, - капырай жыйырма беш жылга дейби, андан көрө мен өлгөндө келет окшойсуң го, каралдым атам!!! - муңканып отурганда коңшусу Майрам келип чоочуп кетти.

- Эмне болду эже, тынччылык элеби? - деп Зуураны колтугунан сүйөп өйдө кылып үйгө киргизмек болуп үй бек экенин көрө, - Ачкыч кана эже? - деди Зуурага карап.

- Мына, - деп чөнтөгүнөн ачкыч алып атканда шакектери менен чынжыр түшүп кетти.

- Эже, буларыңыз түшүп кетти, эже, - Майрам жерден алып бере койду да эшикти ачып үйгө киришти. Көпкө чейин нес боло отуруп, анан:

- Каралдым атам, кагылайыным ай, мени… - Зуура дагы эчкирип ийди. Майрам колундагы катты алып окуду да үндөбөй ордунан туруп чай койду. Идиште турган тамагын ысытып, жубатаар сөз таба албай кайсактай берди. Үнсүз отуруп чай ичишти.

- Эже, капалана бербеңиз, өзүңүздү карабасаңыз ооруп каласыз, жалгыз ооруп калсаңыз эмне болот? Уулуңуз аман болсо келет, күтүп жашай бериңиз…

- Эки жыл го мейли, кокус жыйырма беш жылга калып калса кантем, айланайын… - Зуура буркурап ийди, - Кантип гана мени жалгыз таштап коюп чыдайт?

- Эми ал служба да эже, көнбөсө болбойт да?

Майрам Зуура басылып калгандан кийин үйүнө кетип өзү жалгыз калды: "Мына үмүтүмдүн баары талкаланды, кыйрады! Неге мени жалгыз кылып койдуң, жараткан! - деп ойлонуп алып, - Кой, мен эмне деп атам, уулумдун жаны аман болсо эки жыл эмеле өтүп кетет, кой мен кайратымдан жанбайын, өзүмдү сооротуп ишимди баштай берейин", деген ойдо мектепке жөнөмөк болду. Мектепке келсе балдар тарай элек экен, аны көрө калган мугалим келин:

- Эже, шакектериңизди саттыңызбы? - деп сурап калды.

- Жо-ок, үчөөнү тең Исанын аялы эртең алмай болду, башкага көрсөткөн жокмун.

- Ай-ий, акчам болгондо чынжырды алмакмын, - деп шыпшынып алды ал.

- Алсаң түшүрүп деле берем, өтпөсө өзүм деле тагынып алам.

- Тагынып алыңыз эже, аябай жакшы таза алтын экен, сиз кеткенден кийин баарыбыз акчабыз жогуна өкүнүп калдык, тигил эжеде акча бар да, жакында кызын күйөөгө берген, кудага барсам тагынганга алам деп кетти.

- Мейли, алгандан кийин тагынабы, бирөөгө береби же сатабы, өзү билет да.

- Эже, - деди майпаңдай ал, - Сиз чынжырыңызды карызга бербейсизби, чогуу иштешип атабыз го, айлыгым тийгенче таап анан сизге берип койом.

- Сүйрөбөй бересиңби анан? - Зуура ишенип-ишенбей ага күмөндөнө карады.

- Берем эже, айлыгым деле жакшы, эки ставка алам.

- Мейли, эртең ала келейин, - Алар сүйлөшүп турганда окуучулар тарай баштады.

- Эртең сөзсүз ала келиңиз эже, айлыкты чогуу алабыз го, ошондо берем, - ал ары кетти.

Зуура бошогон класстарды карап, челек менен тряпкаларын алды да суу алып келип жууй баштады.

Эки сааттай жууп бүтүп анан үйүнө жөнөгөндө Шакир ага дагы жолукту:

- Ээ кандай Зуура, жакшысыңбы?

- Жакшы, өзүңүз жакшысызбы?

- Үмүт менен жашап жүрөм Зуура, адам өлмөйүнчө үмүт үзбөйт тура жакшылыктан.

- Ошон үчүн адамбыз да… - Зуура жөнөй берди.

- Зуура, кечинде үйүңө барам…

- ?...

Зуура аны кайрыла берип бир саамга тиктеп туруп анан басып кетти, үн деген жок. Үйүнө келип тамак жасады, андан кийин өтө чарчаган адамдай шалк этип отуруп шуу этип үшкүрүнүп алды. Темирбегин ойлоду, анын бала кезин көз алдына келтирди. Бала кезинде Темирбек өтө шок, кыйын болчу. Бир жолу Зуура аны жумшап калды:

- Ээ атам, тилимди алып эшиктеги отундан алып келе койчу берекем, салмактанып ооруп турам.

- Койчу, өзүң эле алып келе койчу апа-а…

- Тур берекем, мен чыйрыгып атам.

- Апий…

- Аа-а садага кетейин, бул кебетең менен мени бакпайсың го дейм?

- Чоңойгондо багам, азыр өзүң эле кылбайсыңбы?! - Эне жүрөгү зырп этип алды: "Мейли аман болсо болду" деп ооруп турса дагы өзү чыгып отун алып келип от жагып уулу экөө отуруп тамактанып жатып алышты.

Темирбектин эртең менен турушу кыйын эле. Эрте туруп от жагып, дасторконун жыйып тамактарын ысытып, чай кайнатып алып:

- Ээ атам тура гой, аталуу алты, энелүүлөр эки тойчу убак болду, тура кой эми.

- Апа-а уйкум келип атат, өзүң иче берчи, анан ичем!

- Жалгыз кантип ичем уулум, элдин баары жумуш жасоо менен алектенип жүрүшөт. Сен чоңойдуң уулум, мына быйыл алтынчы класска окуйсуң, - Зуура уулунун бетинен аймалап өөп, кытыгылап тургузууга далалат кылып атса:

- Болдучу эй, жанды койосуңбу, уктатпайсыңбы? - деп башын көтөрө үтүрөңдөгөндө эне сай сөөгү сыздай, шалдая отуруп калды: "Кудай ай, деги ушунумдун жаман сөзүн угуза көрбө жараткан, эмитен ушундай кыялы бар, кийин кандай адам болоор экен" деп сарсанаага батты, бирок кайра эле баскан кадамы сайын жалынып-жалбарып "чымындай жанынын амандыгын кудайдан тилеп чоңойтподумбу" деп, Зуура шуу этип дагы үшкүрүп алды. Негедир ал үшкүрүп алса бир топ жеңилдей түшчү: "Каралдым атам, кантейин алыс жүрсөң да каргадай кара жаның аман жүрсө болду, анчалык мерез болбоссуң, атаң абдан акылдуу, токтоо, баарын ойлонуп чечкен киши болчу, эсиңе келээрсиң" деп көңүлү келбесе дагы бирдеме ичкиси келди. Туруп өзүнө ылайык чакан дасмалды салды, бир чыны, бир кашык алып келип тамак куюп алдына койду, ичээр ичмексен болуп, көөнү чаппай улам аздан ууртап коюп сансыз санаанын жетегинде отурганда каалгасы тыкылдап калды: "Ким болуп кетти, беймаал убак эч ким келчү эмес эле" деп ойлоп эшигин ачмак болуп баратып: "Кечинде үйүңө барам" деген Шакирдин үнү кулагына угулуп: "Ачса ачайын, жалгыз жашап деле баратам, жок дегенде чай ичкенге да караан керек экен, жапайыдай жашап өмүр кечирип келатканым жетишээр" деп илгичин өйдө кылды. Шакир аны көрө сала:

- Кандай Зуура, бейубак келип калганымды кечир! - деп үйгө кадам таштай кирип келди. Зуурадан үн чыкпады, эчтеме дебей анын артынан өзү кирди, - Оо, сен конок күткөн түрүң бар го? - Шакир тамашалай күлө карап койду.

- Эмнеге, өзүм эле… - Зуура ары жактан дагы бир чыны, кашык алып тамак куюп алдына койду, - Алыңыз.

- Алып атам, Зукеш, - дегенде Зууранын көздөрү жайнай:

- Эмне дейсиз? - деп эрксиз сурап жибергенин өзү байкабай калды.

- Зукеш… эмнеге сурадың?

- Бул атты атам гана айтчу… - Зуура ойлуу отуруп, - Мени атам гана Зукеш дечү эле, - деп көңүлү кирдей түштү.

- Капаланба Зукеш, мындан ары мен сени дал ушинтип айтканга уруксаат бер?!

- Айта бериңиз, чай ичиңиз, - Зуура чай сунду.

- Зукеш, тамакты аябай даамдуу жасайт экенсиң!

- Аялдар жасагандай эле жасайм, - жылмайып койду, ушул кез Зуура аны уурдана карап отурду: "Жакшы эле адам экен, эмне болуптур, жалгыз жашагандан көрө…" деп ойлоп ички туюмун ал билип койгондой уялып кетти. Тамак ичилип бүттү. Экөө үнсүз көпкө отуруп анан:

- Зукеш, өзүң деле түшүнүп аткандырсың, эки бакыр бир тукур болсок кантет? - деди Шакир аны карап.

- Койсоңуз, эми болбойт го, жашыбыз өтүп калганда… - дегенде Шакир:

- Кантип, сенин ушинтип айтканыңа ким ишенсин, сен азыр жөн эле жапжашсың да, кырктын ары жак бери жагы күлгүндөй курак эмеспи.

- Ошентсе деле…

- Антип менден качпа, көңүлүңө жакпасам ачык эле айт Зукеш, менин болсо үйбүлөм жок, же баладан, же аялдан жок кара башым жүрөм. Сени менен ачык сүйлөшөйүн деп эле келдим, жалгыздык жаныма батты…

Зуурадан жооп күткөндөй ага тигиле карады. Зуурада үн, сөз жок өз ою менен алек: "Ырас эле, мен да жадаганым жалганбы, уулумду күтсөм… - көзүнө жаш айлана түштү, - ал мени ойлогусу келбейт ко. Бүт өмүрүмдү ошол деп жашап келбедим беле. Келсе ага түшүндүрөм, жалгыз бир тамда ооруп, же өлүп калсам ким карамак эле, жаман адам көрүнбөйт" деп мелтирей жанында эч ким жок жалгыз отургандай…

- Зукеш! - Шакирдин үнүнөн селт этип алды, - Зукеш, эмне дейсиң?

- Аа-а, ойлонуп кеткен турбайынбы?

- Ойлонгондо не, ойлонбогондо не, жашоо деген табышмак экен Зукеш, күндүзү эл менен жүрүп, ишке алаксып билбей калам, түнкүсүн уйку качып таңды көз ирмебей атырам.

- Эмне кыл дейсиз анан? - Зуура айласы кете унчукту.

- Баш кошуп алалы, экөөбүз тең жарты адамбыз, бүтүнгө айланалы, бири-бирибизге жөлөк бололу…

- Кичине ойлонойунчу, дегеле ойлонбоптурмун, уулума кат жазайын, улуксаат сурайын…

- Макул, ойлонсоң ойлон, - Шакир үндөбөй отуруп калды, анан ордунан козголду, - Мен кетейин, Зукеш!

- Мейли, - Зуура да ордунан туруп аны узатмак болду.

Алдыда бараткан Шакир кайрыла берип:

- Зукеш, өөп койсом болобу? - деди жылмая.

- Коюңуз эми, - Зуура кылыктана жүрөгү лакылдай бүткөн бою титиреп кетти, ымыр-чымыр болуп өзүн андан качыра бергенде карылуу кол аны өзүнө тартты. Кучактап бетинен өпкөндө өзүнөн-өзү калтыраган келинди ого бетер койо бербей:

- Шириним десе, канчадан бери кол жеткис болуп мени кыйнап келдиң, жаным, жарыгым, макул дечи! - деп кыса кучактап туш келди өпкүлөп киргенде баятан бери бойун ала качып түртүп жаткан Зуура денесин бош таштай эркектин деминен, коңур жытынан башы айлана анын эркине көнүп берди. Анан өзү да аны кучактап алганын сезбей калды. Ошол кезде Шакир аны эки колуна көтөрүп алып төргө алып барды. Көпкө чейин экөө тең эстен тана кумарга баткан соң Зуура аптыккан демин басып:

- Кечириңизчи, мен деле тирүү жан экенимди унутуп калган экемин, өзүмдү кармай албай калдым окшойт, - деди Шакирдин төшүнө башын жөлөй, - Кызык, мен өзүмдүн бирөөгө, бирөө мага керек экенин такыр унутуп калыпмын… - шыңк эте күлүп койду.

- Алтыным десе, канчадан бери жазылбай калган черимди жаздың, сообума калдың, эми сенден ажырабай калайын, - Шакир келинди чечинтип алып бүт денесин сыйпалап, сугалактана өөп, кайрадан ишке кирди. Экөө тең чабылбай калган тулпар сымал жээлигип калган экен, бир кумардан чыгышты.

Ошондон көп өтпөй эле алар баш кошуп алышты. Колу-коңшулар ага таң калышпады. Зууранын туура жүргөн жакшы аял экенин, ал жалгыз уулун бел кылып жашап келгенин билгендиктен:

- Байкуш Зуура туура кылды, качанкыга жалгыз тамда үңкүйүп отура бермек эле, баласы да эси жогураак, - деп бир аял шыбырады жанындагысына.

- Ой, баласы эстүү болсо ошондон ары жыйырма беш жылга калмак беле, энесин ойлоп келе бермек да?

- Антпей-минтпей эле ал ошояктан орус кызга үйлөнөт имиш, ошон үчүн шылтоо кылган да.

- Апей ботом, кудай урган тура, анда Зуура байкуш өмүр бою күтүп жүрүп өтөт го?

- Ошондой экен, келгиси келбеген да, болбосо жашында эринен калып ошону кандай мээнет менен чоңойтту?

- Байкуш десең, баса аскерге жалгыз баланы албайт деп алып калмак болгондо, болбой кетип калбадыбы.

- Апи-ий бетим десе, ошентти беле?

- Анан эмне, аскерге жалгыз баланы ата-энесин караар башка баласы болбосо албайт да.

- Ооба, ооба, билем.

- Баса жакында баягы алтымышынчы жылдардагыдай кылып унду килолоп ченеп берет имиш дейт, чек менен алат экенбиз.

- Балекет, ундан көп кылып алып алыш керек экен анда?

- Ал эле дейсиңби, Кыргызстанды өзүнчө мамлекет кылып бөлгөн атыптыр!

- Куда-ай сактай көр, - деп ар кайсыны айтып ушактан колу бошобогон жел ооздор айылга сөздү куюн учурган камгактай эле учуруп жатышты.

Зуура менен Шакир эки бакыр бир тукур болуп оңуп эле калышты. Эртели кеч серейип отурчу Зуура жанында алдуу-күчтүү, жумшак мүнөз, өзүнө камкор адамдын отурганына ыраазы. Сырттагы эркектин жумушу жасалуу, отун-сууну даярдап койот. Жаз чыгаары менен Зуура шифер алып өздөрү чатырга чыкты да, үйүн оңдотууга киришти. Айлыгы үч жүз сом, ал эчтекеге жетпейт, майда жандыктарын Ысмайыл тагасынын балдары багып берет, керек дегенде алат. Болбосо ошолордун малы менен жайы-кышы. Үйдү устага берген жок, Шакир тааныштарын чакырып ашар кыла коюп жаап койду. Күзгө чейин заңгыратып бүтүрүп кирип алды. Темирбектен анда-мында кат келчү эле, почта да иштебей калып кат үзүлдү. Күнүмдүк оокат-тиричилиги ойдогудай болгон менен жүрөк башындагы санаа аны куткара койбоду. Шакирге баш кошкону үйүнө теңтуш-курбулар каттап, жашоосу бир топ эле өзгөрдү. Алар майрам болобу, туулган күн болобу, шарактап белек-бечкектери менен кошо бөтөлкөдөн да көтөрө келишет. Баягы кырк жашында өзүн алтымыштан ашкан кемпирге окшоштуруп, баарынан түңүлгөн Зуура агы ак, кызылы кызыл болуп толуп чыга келди. "Алган эри жарашса, кара катын ак болот" дегендей, чырайына чыгып калды. Бирок мүнөзү баягыдай эле, ачылып сүйлөбөйт, сүйлөшкөн адамы менен кадимкидей эле мамиледе болот. Шакир да көңүлү тынып, өмүр шерик жубайдын ойундагыдай болуп чыкканына ыраазы.

- Зукеш, мен жаш кезде кайда жүрдү элең? - деп эшиктен кирип эле кучактап калды.

- Койсоңчу эми, бала болуп кетесиң да, бирөө келип калса эмне болот? - Зуура наздана анын колунан бошонууга аракет кылып тырмышат, - Болду, уят эмеспи?

- Көрсө көрө берсин, өзүмдүн аялым менен ойноп атам, - Ал ого бетер кучактап алып эркелетип өпкүлөй берди.

- Шакир дейм, койсоң боло эми, уулумду ойлонуп өзүм жаман болуп жүрөм, кыйнабачы!

- Ошо сени ойлонбосун деп атпайынбы жаным, бүгүн сенин эң сонун күнүң, билесиңби? - деди Шакир аны көздөрүнөн өбө, - Туулган күнүң менен!

- Апи-ий, кайдан билип алдың, өзүм деле унутуп калыптырмын!

Зуура өзүн бактылуу сезе ушул кезде Жайлоо экөөнүн бир күнүн эстеп калды:

Зуура мектепти жаңы эле бүткөн, атасы Токтобай санаадан карып болуп аны окутаар чамасы жок эптеп күн көрүп жүргөн, жашоолору эл катары болгон менен, тагдырына нааразы болуп, ал жалгыз гана Зуураны кубат кылып жашап калган. Зуура Жайлоо менен жаңы эле таанышып жолугушуп, бирок элдин ушагынан тартынып жүргөн учур. Бир күнү атасы:

- Кызым, кыздарыңды чакырып үйгө тамак берип кой, туулган күнүңдү өткөрүүгө деле чамам келген жок, тагдырыма таарынып жүрүп өтүп баратам, көңүлүңдү чөгөрбөй кыздарың менен үйдө отургула чырагым, - деди.

- Макул ата! - Зуура кубана атасын кучактап өөп анан дароо курбусунукуна жөнөдү.

- Зуура, эмнеге шашып алгансың? - деди анын толкунданып алганын көргөн курбусу.

- Бүгүн менин туулган күнүм, түштөн кийин кыздар чогуу келгиле, мен күтөм! - деди да кайра үйүнө жүгүрдү. Келип аябай даярданып тамагын асып, дасторконуна болгонун коюп күтүп калды. Бир кезде кыздар чогуу келип босогодон эле тыкылдатып калды.

- Кире бергиле, коноктор! - Зуура аларга жадырай карап калганда кыздар хор менен:

- Туулган күнүң менен, Зуура! - деп эки жакка бөлүнө бергенде алардын артында жашынып турган Жайлоо тура калып колундагы бир тал роза гүлүн:

- Туулган күнүң менен куттуктайм, чоң бийкеч! - деп күлүп ийиле сунганда эмне дээрин билбей калган эле…

- Зукеш, Зукеш дейм, сага эмне болду? - деп Шакир аны ийинден булкулдатып жатканда чоочуп кетти, азыр ал дал ошол күндөгүсүндөй бактылуу жылмайып турган эле.

- Эмне дедиң? - Ал кайра Шакирди суроолуу тиктеди.

- Кызык, бир заматта эле нес болуп, өңүң жылмайып туруп эчтекени сезбей калдың да?

- Өзүм да билбейм, сага ыраазымын, Шакир, - деп ички бөлмөнү көздөй бурулганда:

- Куттуктайбыз, куттуктайбыз, куттуктайбыз! - деп босогодон Шакирдин жолдоштору аялдары менен баш багып кирип келишти.

- Келгиле, келгиле! - Зуура аларды жаркылдай тосуп алып үйгө киргизди, - Кандай, кантип келип калдыңар деги?

- Шакен аялымдын туулган күнү деп чакырып келди, - Алар баары күлүп калышты.

- Келгениңер жакшы болду! Кана анда Шаке, сиз бирдеке кыла койосузбу? - Зуура Шакирге күлө карады да кулагына шыбырап койду.

- Оой жаны, мен сиздин кызматыңыздамын, алеки заматта даяр болот баары! - деп чыгып кетти.

Дасторконун жайып жаркылдаган Зуура чексиз бактылуу болуп турду азыркы бактысына жетине албай. Бака-шака болуп алар чай ичип отурганда Шакир коңшусунан козу алып келип союуга киришти. Бапыш менен Искен ага жардам берүүгө чыгышты. Этти салып үйгө кирээри менен Шакир комузун алып "Мөлмөлүмдү" безелентип ырдап кирди.

- Тобо-оо, тим эле жаш бала болуп кетесиң да, биз эми картайбадыкпы, Шаке?

- Ой койсоңчу, эмитен карып эмне, элүүгө чыкпай эңкейип эмне, жаман кой шишегинде карыйт болбой жөн жүрчү, - Бапыштын аялы Гүлзина шакылдап калды.

- Ошону айтсаң ай Зукеш, эмнеге эмитен карыйбыз? Биз али ойноп күлө турган убагыбыз, балдар чоңойду, алардын өз теңи бар, биздин өз теңибиз бар!

- Көңүл ачып, тели-теңтуштар менен катышуунун кандай күнөөсү бар, жашоодо да жаш-кары деп бөлүнмөк беле? - дешип шакылдап тамашалашып отурганча эт бышып алдыга келди.

- Кана достор, аяштар, келгиле Зууранын бүгүнкү туулган күнүн куттуктап алып жиберели!

- Зуура, өмүрүң узун болуп, Шакир экөөңдүн кармашкан колуңар ажырабай өмүр бою бирге, бактылуу жашагыла!

- Туулган күнүң менен! - деп каалоо тилектер айтылып күпүлдөп жатышты.

- Зукеш, мына Шакем экөөң эки бакыр, бир тукур болуп өмүрлүккө кол кармашып түтүн булатып жатасыңар, экөөңөрдүн урматыңарга ушуну алып ийем, сен да бир ооз тийип койбойсуңбу? - Искен аны кыстап кирди, - Же эмне, Шакирдин достору алкаш экен деп теңиңе алгың келбей атабы? - Кызып калган Искен ага болбой эле стаканды карматып кыстоону күчөтүп атты.

- Искен, мен силерди андай да, мындай да дебейм, келип менин көңүлүмдү көтөрүп, унуткан күндү эсиме салганыңар үчүн чоң, чоң ырахмат, мен ичип көргөн эмесмин, - Зуура аларды ызаат кыла сүйлөдү, - Ал качан келсеңер үйдүн эшиги ачык, келип тургула!

- Жо-ок бул болбойт, жок дегенде ооз тийип отур! - Бапыш дагы аны кыстай баштады.

- Ай койгула, Зукеш ичпесе кыйнабайлы, сыйын кылып атат, - Жанындагы келинге көзүн кыса, - Жаактын азы жакшы ээ, Арзыкан? - деп күлүп койду Искендин аялы.

- Койдум, кантсе да аялдар кыйынсыңар ээ, бири-бириңди заш-щита кылып кетесиңер, - Бапыш бакылдап калды.

- Кана эмесе Шаке, келинчегиңе кандай каалооң бар, сүйлөп койбойсуңбу? - Искен Шакирге карады.

- Кана сүйлөп кой!

- Сүйлөсө сүйлөп койойун, достор, - Шакир ойлуу Зуураны карай - Зукеш, чынымды айтсам ушу досторумдун арасында канча жылдан бери жалгыз аралашып кошо жүрөм, ысыгыма, суугума дагы дос-аяштарым чыдады, көңүлүмдү көтөрдү, барсам өз үйүмдөй эс алып, каалагандай жатып алам, биринчи досторума ыраазылыгымды билдиргим келет, экинчи сенин бүгүнкү туулган күнүң кут болсун, мындан аркы өмүрүңдүн ар бир күнү бүгүнкүдөй шаңдуу болуп, өмүрүң узун болсун! - деп жанында отурган Зуураны эки бетинен өөп койду.

- Оо азамат десе, Шакем жигиттин эле гүлү да, сүйлөгөн сөзүндө асел менен набат кошулган!

- Шакем өзү ошондой алтын киши да! - дешип бакылдай алып ийип табактагы беш бармактан алып закуска кылып бака-шака түшүп атышты.

Шакир менен Зуура экөө тең ичпейт. Конокторун сыйлап ичкендей көңүлдүү куунак болуп кубаныч сезимине толкуй бири-бирине жылмайып коюшат. Түн ортосу болуп калганда:

- Эмесе Зуура бир сүйлөп алдырып койсо, кандай дейсиңер ыя? - деп Шааргүл жанындагыларга карады.

- Сүйлө Зуура, сөз сенде эмесе!

- Аяш, сүйлөп кой эми, - деп Шааргүлдү кубаттап кетишти.

- Кана аяштар, колуңуздарга кармап койгула, - Зуура аларга жадырай карады, - Биринчиден, баарыңыздарга үйбүлөлүк бакыт, денсоолук, экинчи айтаарым Шакеме ырахмат, өзү менен кошо силердей аяштар менен тааныштырып, көңүл көтөрөөр, жүрөк кубантаар, сезим толкутаар адамдарга жанаштырган, сиздердин бүгүнкү сюрпризиңерге чо-оң ырахмат, куш келипсиздер!

- Айтканың келсин, аяш.

- Шакем ушундай аялга туш болгонуна кубанычтабыз!

- Шакем өзү ушундай жар таппай канча жылы жер кезип бойдок жүрбөдүбү! - дешип биринен бири өтүп чурулдап, бакылдап атты. Таңга маал гана үйлөрүнө кайтышты. Аларды узатып коюп, Шакир менен Зуура жатып алып уйкулары келбей бактыларына чексиз ыраазы болуп сүйлөшүп, өткөнүн эстөөгө мажбур болду. Шакир Зуураны карап өз башынан өткөнүн кеп кылып бермек болуп:

- Зукеш, мен өмүрүмдө эң бактылуу деп сага жолуккан күнүмдү эстейм, бала күнүмдөн бери эч жакшылык көрбөдүм, ушул элүү жылдык өмүрүм жалаң гана өксүү менен өттү...

Шакирдин көз алдынан басып өткөн жолу чууруп өтө баштады…

Калык согуштан майып болуп келгенден кийин ишке жарабай карыган энеси менен жашап жүрдү. Кермекан жыйырма үчтөгү күйөөсү согуштан кайтпай калган келин болчу. Колунда баласы жок бой келин атасы жок, энеси, сиңдиси менен жашачу. Солкулдаган тал чыбыктай кара көз сулуу келин көргөндүн көңүлүн бурган убакта айылда боору бүтүн, башы эсен эркек аз болчу. Согуштан жарадар болуп кайткандар, колу-буту жок, көз-кулагынан айрылгандар. Калык оң бутунан сылтып, бир колу да ишке жарачу эмес. Карыган кемпир уулунун абалына сыздап аны үйлөнткөнгө аракет кылат. Акыры Кермеканды алып берет. Калык өз абалынан корунуп аны менен жашаган күндөрү азапка түштү. Анткени түнү менен жөтөлүп чыкчу. Жаштыктын доору оорукчан жанга азаптын азабы го?

- Кермекан, мендей оорукчан адам менен жашоо сага деле көңүлсүз чыгаар, апамдын көөнүн кыя албадым, болбосо үйлөнбөйт элем, - дейт бир күнү Калык.

- Жакшы болуп кетесиң, ойлоно бербе, ооруну буйруса жеңесиң, - Кермекан жаркылдай күлүп көңүлүн көтөрүп өөп койду.

- Ооруну жеңсем жакшы… - Калык ойлуу үңкүйүп отурду, - Сен жашсың, жаштай болуп көңүлүңдү ала албасам, жаркылдатып алып жүрбөсөм, качан болсо оорумдун азабын тартчу болдуң, эгер туура көрсөң мен сени кармай албайм, өз бактыңды башка жактан изде, - деди буулуга Калык.

- Эмне деп атасың? Ак никелүү күйөөмсүң, ооруңа даба болойун, кайгырсаң жаныңда көңүлүңдү көтөрүп турайын, жаштыгымды сени менен кана өткөрөйүн, мени кет дебе, Калык?! - Кермекан ыйлап тизесинен кармай үстүнө башын жөлөдү, - Оорусаң айыгасың, көңүлүң менен жүрөгүң оорубасын!

- Берекем, сени аяп жатпайынбы, өпкөмдө да бар окшойт, жаныңда жатып түрсө-түрс жөтөлүп тынчыңды алып уйку бербесем, ден-соолугу чың эркек менен кумарыңды кандырып, жарпыңды жазып жатпасаң, алдуу-күчтүү эркектин маңдайында жадырап чайыңды сунуп кучагында жыргалга батып, бакытка туна албасаң, мендей бир байкуштун түйшүгүн тартканыңа кейийм…

- Эч кабатыр болбо жаным, сенин ооруң менин оорум, андан көрө айыгып кетүүнү ойлон!

Кермекан жан-алы калбай ага сүт жуткуруп дарылап, бутуна май сүйкөп ушалап жанынан чыкпайт. Уулунун үңкүйүп күнү-түнү оорунун азабын тартканын көрүп турган эне ичтен сыздап жүрүп жыл айланбай оо дүйнө салды. Апасы өткөндөн кийин Калык ого бетер түнт болуп, оорусуна кайгы кошулуп өзүнүн бу жарыкта бар же жок экени менен кабары жок өзү менен өзү болуп калды. Кермекан канчалык карап колунан келишинче дары берип массаж жасап үйрүлгөн менен ал күндөн-күнгө арыктап өңүнөн азып баратты, жөтөлгөн сайын мурдунан кан түтөктөп, жашоодон үмүтү үзүлдү. Сыртынан билгизбейт, ары-бери басып алаксыган болот. Кермекан ошол кезде бойуна болуп калганын сезбей жүрүп качан ичи бүлк этип билингенде гана:

- Калык сүйүнчү, балалуу болобуз, биз бактылуу жашайбыз, уктуңбу, менин боюмда бар! - деп оорудан азган күйөөсүн кучактап ыйлап жатты.

- Ыраазымын жаным, менин тукумумду улар наристе төрөлсө мен өлбөйм, менин сакайганым, кылымдарга жашаганым ошол, мен өлбөйм! - деп ыйлай албай бозоруп Кермеканга жөлөнүп демиге дем алып, кубанычка туруштук бералбай жүрөгү оолугуп, төшүн тээп чыгып кетчүдөй лакылдап өзүн токтотууга дарманы жетпей турду.

Ал ошондон кийин төшөктө жатып калды. Кермеканды кыйналып калат деп апасы келип каралашып атты. Бара-бара Калыктын өйдө болоор дарманы калбай сулк эле жатат, эчтеке ичпейт, болгону бир-эки кашык сүттү оозуна кашык менен ичирип баладай багып жүргөндө жарыкка келчү уулунун үнүн угуп, жүзүн көрбөй кете берди. Кермекан ыйлап-сыктап калды, аргасы канча, Калыкты согуштан алган жаракаты соолутуп тынды. Үч айдан кийин Кермекан баласын төрөп алды. Кубаныч, аза экөө биригип аны чыйралтып жашоого үндөдү, жанына апасын алып келип бирин-экин жандыгы, бир ую менен оокаты өтүп жатты. Уулунун атын Шакир деп койду, уулунун күлүшкөнүн көрүп, кылыгына кубанып жашап жүргөн Кермекан бир күнү эле ооруп калды, ооруганда да жин кесел менен ооруп калды. Жанына киши жолотпой тытынып, булкунуп жатканда аны эптеп кармап таңышты. Молдолорго дем салдырып, кылбаганды кылса да айыкпады. Доктурларга көрсөтүп дарылатты, болбоду, акыры аны жиндиканага жаткырып коюшту. Кермекандын апасы Кымбат үч айлык наристе менен өз үйүнө кетти. Карыган кемпир кичүү кызы экөө наристени жакшы эле карап-багып атты. Сурмакан эжесинин уулун өз баласындай багып, апасына жардам берип жүргөндө аны ала качып кетишти. Кымбат карыганда жаш бала менен өтө кыйналса да кийимин кирдетпей, кардын ачырбай багып жүрө берди:

- Айланайын эрмегим, сени апаң эрмекке мага таштады го, карыганда жалгыз калбасын деди, ээ? - деп эркелетип отурганда коңшусу келип калды:

- Аа-аа курдаш, неберең менен эркелешип атасыңбы?

- Ооба, эрмек кылып берип кеткен кызымды сагынганда жыттап алып эс алып калам, анан эмне кылам, кудайдын ушунусуна да шүгүр, - Кымбат колундагы алты айлык небересин жыттай эмшиңдеп алды, - Кантейин кандай балээ жармашканын билбей калдым…

- Ээ курдаш, кудайдын колундагы алсыз пендебиз, Алла талаа эмне кылам десе өз эрки тура, кайгыра бербей ушу наристени эч кимге кор кылбай бага бер, белиңди бек буу. Сурмакан да каралашат, биерде биз турабыз, жардам беребиз. Кайгырба, ушу неберең үчүн жаша! - деп экөө көпкө отурушту.

- Ушуну жок дегенде чоңойтконго алы-күчүм, өмүрүм жетээр бекен?

- Кайраттуу аялсың Кымбат, эки уулуң бирдей согуштан келбей калганда да кайратыңдан жанган эмессиң, өзүңдү карма, баланы жакшылап бак, - курбу кемпир ага кайрат берип жанында көпкө туруп анан кетти.

- Айланайын кичинекейим, сени көз каранды болбой өз наныңды таап жегенге жарагыча чыдасам экен садага, кимдин эшигин сагалаар экенсиң жарыгым ай. Сурмашым го эптеп калкалап алат, күйөөсү сүйөбү сени… - деп тарбалаңдап ойноп жаткан баланы муңая карап койду.

Сурмакан күйөөсү экөө төркүлөй электе эле түндөп келип кетишти. Балага сүт, эт, май кылып жеткирип кетишти. Ошентип күн өтүп Шакир үч жаш болуп чулдурап тили чыгып калды, Кымбаттын улам картайган сайын ал-абалы начарлап баратты.

- Шаки, ээ Шаки, сүт ичесиңби?

- Ан-ий.

- Ке-ел ичип ал садага, кардың ачат.

- Чо-ок, иш-пейм, өчүң ише бей! - Шакир томпоңдоп ары качып баратканда Кымбат аны эптеп жетип кармап алдына отургузуп сүттү зордоп ичирет.

- Ичип алат, менин уулум жакшы-ы, - Чоп эттире бетинен өөп оозуна идишти алып барганда башын ар жак, бер жакка буруп ыйлап атты:

- Ишпейм апа, ишпейм! Өшүң ише бейчи, кайдым ток.

- Олда каралдым ай, мейли ичпесең ичпе, - Бөкчөңдөп баланы койо берип үйүнө кирди.

Шакир томполоңдоп короонун оозуна барып жолдогу ойногон балдарды карап туруп эки бала урушуп калганда коркуп үйгө жүгүрүп келатып жыгылып кетти, чыр дей түшкөн баланын үнүн уккан Кымбат чыгып келип тургузуп киймин күүп үйгө алып кирди.

- Апа-а, апо-о-в бий бала бий баланы уйуп койбодубу, анан мен койкуп кеттим…

- Аны мине карадың уулум, сен чоңойгондо чыгасың жолго, азыр чыкпай жүр, балдар уруп койот, күчүгүм.

- Онобом аа-а, апа?

- Ойнобо, эшиктин алдына ойносоң боло, карыганда кыйнамак болдуң да балам, кечке жаның тынбайт, - Кейип атып дагы жүзүнөн сүйүп койот, - Арман дүйнө ай, кайда-кимдин колунда калаар экенсиң, каралдым. Саал жашыраак болгонумда эмне… - Кайра көңүлү ачыла күлүп уулуна эзилип алды, - Таякелериң бар эле, алар бир жанымдан чыкчу эмес, сен дагы бөйтөйү-үп эле отурсаң боло?

- Менби? - Шакир апасын маңыроо карап койду, анын эмне дегенине түшүнө бербесе дагы сураганы менен бейкапар отурат, - Мен ченин чаныңда онойм аа-а, чен мени оноточуң аа-аа? - деп өзүнчө сүйлөп ойноп, алаксып кетти.

- Айланайыным десе, апаң жакшы болуп кетсе жакшы болбойт беле ырысыңа, шордуум ошол оорудан кутулуп кетээр бекен, ичтен ойлонуп жүрүп эле ооруп калды, кантейин, - Кымбат үшкүрүнө эки тизесин таяна ордунан турду, - Отуруп тур, мен эшикке чыгып келейин.

- Ооба-а, отуйуп туйам.

- Бөлбүрөгөн айбан десе, өтө коркоксуң, чоңойсоң кандай адам болоор экенсиң, - Наалый чыгып кетти…

Кермекан айыкпас ооруга кабылганы аны бир караан ээрчип алган. Ал катуу уктап жаткан. Уйку-соонун ортосунда анын жанына бир караан келди да колунан тартып тургузуп жетелеп алды да сырткы бөлмөдө жаткан апасынын жанына алып барып отургузду. Ал кезде Кымбат уктап жаткан. Караан аны муунтканга аракет кылып жаткан. Чоочуп ойгонгон Кымбат кызы өзүн муунтуп жатканын көрүп бакырып тура калды, ага болбой эле Кермекан аны катуулап муунтуп койо бербей күч менен койо бербей атканда күч менен түртүп жиберип жүгүрүп чыгып элди жардамга чакырып кыйкырганда коңшу-колоң жетип келишти.

- Айланайындар, Кермекан ооруп калыптыр, эмне болгонун билбейм, кармай көргүлө! - деди эне чогулган элге.

- Эмне болду, кирип көрөлүчү, - деп бири айтканда баары кирип келишти.

Кермекан тескери карап алып баласына эмчек салып отуруптур, кирип келген элди көрүп катуу каткырып алды, ошондо жанагы караан келген адамдардын бирине жармашты эле Кермекан баласын ары таштай салып ошо кишини муунтуп кирди. Кымбат бакырып ийди, экөө-үчөө аны бошотуп, Кермекандын буту-колун бекем кармап турушту.

- Койо бергиле мени, мына бул менин күйөөмдү ээрчитип кеткен, койо бергиле, күйөөмдү таап келип берсин! - деп бакырды Кермекан.

Чачтары саксайып, көздөрү башкача чакчайып калганын көрүшүп буту-колун бекем таңып, түндөп молдону чакырып келип дем салып окутту. Кермекан эч нерсени сезбей уктап калды. Ошондо молдо:

- Катуу чоочуган, жин даарыптыр, жети күн, жети түн жети молдо окуш керек, ошондо дагы айыкса айыгат, айыкпаса жок, анткени буга жин оорунун күчтүүсү жолугуптур, - деди.

- Жакшы болуп кетеби, деги эмне балээ жармашты кокуй, кечинде эле жакшынакай жаткан, - Кымбат безилдеп жатты.

- Жакшы болот-болбойт деп алдын-ала айтуу кыйын, жин муну башкарып алган, - деп молдо ордунан турду.

Эч ким үндөгөн жок, баары өздөрүнөн сактанып үй-үйүнө тарай беришти, ыйлап аткан небересин колуна алган Кымбат үрпөйүп коркуп, кызынын заматта ооруп калганына зээни кейип отуруп таң аттырды. Таңылуу жаткан Кермекан таң атканда ойгонуп алып:

- Мени эмне таңып койдуңар, бошоткула азыр, менин бара турган жерим бар, кечикпей барайын, - деп апасына жалооруй карады.

- Кызым, кайда барасың садага, эсиңе келчи, тырмактай балаң ачка болду окшойт, ыйлап атат, эмизесиңби? - деп Кымбат жанына отура калды эле таңылуу буту менен тээп:

- Жого-ол азыр албарсты, сен мага жармашып алып таңылып отурам! Жогол, мени жайыма кой! - деп чаңырганда баланы кучактаган бойдон чалкасынан түшкөн Кымбат ордунан эптеп туруп сыртка чыгып баланы койнуна каткан бойдон айылдын ортосундагы молдого жетип барды. Ал шаша ордунан туруп жанына эки молдону алып кошо келди, эки-үч сааттай окуганда тытынып өкүрүп-бакырып жаткан Кермекан тынчып жатып калды, өңүнөн кетип көздөрү кирип заматта кебетеси кете түшкөн кызына эненин боору ооруп, көзүнүн жашы куюла ыйлап небересине сүт берип карап атты. Кермеканды тынчтандырып коюп кайра кеткен молдолор кечинде чогулуп жетөө болуп келишти. Кымбат аларга бир кой союп тамак жасатып берип атты. Жети күн окуганына бир кой берди. Ошентсе да Кермекан өзүнө келбей тиштегилеп, тытына берди, акыры аны жиндиканага жеткирип тынышты…

Ушуларды эстеп отуруп Кымбат шоросу куюлган көзүн жоолук учуна аарчый небересинин жанына келип аны менен отуруп чай ичти. Өйдө-ылдый болгондон кыйналып, карылыгынын айынан баланы багуу өтө оор болуп баратты. Ага карабай баланын кийимин жамап, жууп, бөжөңдөп таңдан кечке жаны тынбайт. Үмүтү жанып, бир күнү жаркылдап кызы кирип келчүдөй утур караганычы, эненин үмүтү өчмөк кайда? Кечке маал болчу, коңшулары бирден-экиден келип аны алаксыта жанында отурду. Кымбат эч нерседен шекиген деле жок, качан эркектер келип өкүрүк башталып, аялдар аны кармап:

- Кымбат, кайрат кыл, Кермекандан айрылып калдык! - дегенде гана Кымбат бакырып ийди.

Аңгыча Сурмакан келип калды. Ошентип Кермеканды өз ээсине берип отуруп калды. Эмки эрмеги жалгыз небереси. Күйүт аны оңдура койгон жок, ооруп турса да эптеп кирип чыгат. Анын түрүн көргөн Сурмакан күйөөсү экөө келип аны карап калды, болбосо анын абалы оордой баштаган эле. Шакир бала эмеспи, эч нерседен капарсыз, карды тойсо эле томпоңдоп ойноп жүрө берет. Кийими жыртыкпы, жылаңачпы, иши деле жок. Төрткө толуп беш жашка караганда таенеси Кымбат да дүйнөдөн өтүп кетти. Аттиң кейиштүү тагдыр, кээлер учугу уланып бир үйдөн канча уул-кыздар чынар теректей бутактары жайылып көктөп жатышат, ушуну менен эки үйбүлөнүн очокторунан от өчүп, сыздап ыйлаган Сурмакан беш жашар Шакирди алып кетти. Анын барган жери да өздөрүн ханга теңебеген, бир күнү болбосо, бир күнү пендечилик кылаарын түк ойлобогон, жакшылыгынан жетишип, өлбөй тукуму көбөйүп жаткансып манчыркаган үйбүлөдөн болчу. Болгону Сурмакандын күйөөсү аны жакшы көргөнүнөн баланы өзү менен алып кетүүгө макул болду. Ошол күндөн баштап Шакирдин жетимчилик күндөрү башталды…

- Кайдан дагы өнбөгөн өспөгөн жерден баш алдык эле? "Сүйөм, күйөм" деп жанагы балаңдын кылганы, өзүбүз аттуу-баштуу жерден алып берет элек! - деп кайненеси булкулдап атканын угуп Сурмакан токтой калды, - Эми тиги чарайнада жатып ата-энесин жуткан жексурун алып келип алды, тим эле көчүгү батып калгансып.

- Койсоңчу Коймон, келин угуп калса капа болот, балаң жакшы көрүп турса экөөбүздүн сөзүбүз шоона эшпейт, - күйөөсү аны тыйып атты, - Баланы анан жалгыз үйгө таштамак беле?

- Жетимдер үчүн үй бар, ошого алып барып койсун, болбосо ошонусу менен өз үйүнө кетсин!

- Балаңдын көңүлүн кантесиң?

- Көң баш балаң тилимди алса, эртең эле катын алып берип койом! - дегенде Сурмакан көздөрү каканактай жашка толуп артына кетенчиктеп баратып бир нерсеге урунуп алды, кайрыла берип кайынсиңдиси турганын көрүп өз бөлмөсүнө кирип кетти.

Эшикте ойноп жүргөн Шакирди ойлоно калып көзүн аарчый чыга калса коридордо кайненеси менен беттеше калды. Анын көздөрүнөн чаары чыгып жини келген түрү бар, көрсө кайынсиңдиси аны аңдып турат деп айткан экен.

- Ий-и, уктуңбу укчу сөздү? Эми өзүң танда эки жолдун бирин, сөз аңдыгычын кара, ансыз да сенден кутула албай турганда! - деп аны каарып кирди.

- Мен… мен аңдыган эмесмин, кирип баратсам сиз… сиз.. - деп сүйлөй албай буулуга сыртка жүгүрүп чыгып кетти.

- Ушунун азабы өттү, баламдын башын айлантып алып, кетпес кезик болду!

- Болду, эмне деп атасың, бир эмес эки башты кетиргени турасың, эй катын! - Үйдөн күйөөсү Бекман чыга калып аны тыймак болду, - Анда эмне күнөө, Ратбек келсин, ошол билет кетирээр, кетирбесин, кирчи үйгө!

- Мен билем керек болсо, балама тектүү жердин кызын алып берем, кетирем муну! - дегенде Бекмат басып кетти.

Сурмакан кийинип, Шакирди кийинтип, бир баштыкка кийимдерин алды да үйдөн чыгып жөнөгөндө:

- Балам, бир аз күтө тур, Ратбек келип калса өзү чечет, - деп Бекмат токтотмок болду эле Сурмакан жер карап туруп ызаат кыла сүйлөдү:

- Ата, сизге ыраазымын, Ратбек келсе да убара болбосун, мен эми кайрылбайм, бечаранын бечарадай эле болгону туура экен.. - деди да басып кетти.

Жолдо быйтыйган колунан бекем жетелеп катуу бараткан эжесине караган бала:

- Эже, кайка баябыш, колум оойуп кетти…

- Үйгө барабыз, жай басалы ээ? - Сурмакан өзүнүн ачуусу ызасы менен баланы катуу сүйрөп баратканын эми түшүндү, - Бутуң ооруган жокпу? - Эңкейе калып сурады.

- Оойуп кетти, колум дагы.

- Ий күчүгүм десе, эми сенин басканыңа карап басам, же көтөрүп алайынбы? - Сурмакан аны бир топко чейин көтөрүп барып, анан кайра түшүрдү, - Өзүң басчы!

- Ооба, өжүм бачам, чен менен тең бачам.

Шакир эдиреңдей жетегине көнүп кете берди, кежирлиги жок эле: "Байкушум ий, сенде эмне күнөө, өлүм тандап келмек беле? Бирок кара өзгөй ичи арам, ажаандарга караганда жоош момун, бечара ак көңүлдөрдү эрте алып кетет тура" деп ойлонуп өзүнүн айлына кеч күүгүмдө жетти. Келсе бала кезинен өзү туулуп өсүп, чоңойгон үйү аңгырап көзгө комсоо көрүнүп, апасы менен эжесинин баскан жерлерин көрүп үйдүн бурчуна отуруп боздоп ыйлап атты. Ал үйгө кирбей эле ыйлап отурганда Ратбек келип калды:

- Сурма, эмне кетип калдың, күтө турбайт белең?

- Күткөндө эмне, баары бир ал үйгө ашыкча экенимди эбак эле билчүмүн, убара болуп келгениңе жол болсун!

Сурмакан ага түз карабай эшигин ачты да, Шакирди жетелей үйгө кирип чырак жандырды. Ратбек кошо кирди, үнсүз башын жерге салып күнөөлүүдөй отуруп калды. Төшөнчүлөрүн жыйып, баарын үйүп коюшкан болчу, аны жерге салыштырып, анан караган күйгүзүп чай койду.

- Сурмаш, жалгыз кыйналасың, көгөрбөй эле үйдө болсоң экөөбүз бөлүнөт элек го акыры…

- Жо-ок Ратбек, мен эми жалгыз эмесмин, жалгыз эжемдин баласы мага караан болот, андан кийин үчөө болуп калабыз, өлбөсөк адам болуп кетебиз.

- Ошентсе да, Шакир го аргасыз жетим, экөөбүздүн балабыз тирүүлөй жетим болобу?

- Силерге тексиз жердин кызы төрөгөн баланын баркы канчалык? Андан көрө мен өзүм аман болсом экөөнү бир туугандай багып өстүрөм, - Сурмакан Ратбектин айтканына көңүл да буруп кулак салбады, - Мен апаңдын уулуу сөзүнө мындан ары уулана албайм, ансыз да Кудайдын салганына араң чыдап жүрөм. Кесир сүйлөп керимселдей керилгендердин жүзүн көргүм келбейт! - деп ызалуу сүйлөп ыйлап атты.

- Анда мен сени менен ушул жерге жашайм, сенден ажырабайм!

- Андай да, мындай да болбойт, мен каршымын, ата-энеңе бар да алардын айтканындай бол, мени күнөөсүз күнөөлүү кылбай.

- Жо-ок, сени күнөөлөбөйт, мен өзүм билем кандай кылышты, мен эч кимге көз каранды эмесмин, сени жоготуп алуудан корком… - Ратбек Сурмаканды кучактап алып кечирим сурап атты, - Кечир Сурмаш, апамдын айтканына капа болбо!

- Сенде эмне күнөө, мен сени күнөөлөбөйм Ратбек, тагдыр бизди кошкон, кайра бөлүп атат. Мен баарына кайылмын, өзүм үчүн, Шакир үчүн, эжемдин жалгыз баласы үчүн!

- Аны түшүнөм, сенин абалыңды да билем, биз сүйүнүп, бири-бирибизден тажабаш үчүн кошулбадык беле?

- Билем, өз акыбалымды билбей жаштык кылган экемин, өзүмө жараша бүлөгө ылайык экенимди убагында сезбепмин.

- Андай дебе Сурмаш, мен сени капа кылгым келген эмес, сен үчүн баарынан кечем, ата-энемден бөлүнүп сага келем! - Ратбек ордунан турду да чыгып кетти.

Сурмакан ойлуу отуруп калды. Эптеп түндү өткөрүп жатып алышты. Ичкенге суудан бөлөк эс нерсе жок эле үйдө. Апасы өлгөндө мындайраак тууганына беш-алты жандыктары менен бир торпогун дайындап коюп кеткен эле, ошого ичинен кубанды: "Эртең Жакып байкеме барып ун алып келем, анан Шакирди эчтекеден кейитпей, бирөөнүн кагуусун угузбай багып чоңойтом, төрөп алсам үчөөбүз жашай беребиз" деп ойлоп атты. Бирок таң жаңы атканда Ратбек кирип келди.

- Оой, сен түнү менен жол жүргөнсүң го? - Сурмакан аны жылмая карап тосуп алды, кантсе да жүрөгү сүйүп кошулган эмеспи.

- Ооба, барып эле кийим-кечемди алып чыгып кеттим, атам каршы болгон жок, бир аз акча-тыйын берип узатты, - Ратбек күлүп койду.

- Ушу кылганыңды туура кылдым деп турасыңбы? - Сурмакан аны сынай сурады.

- Туптуура кылдым, апам өзү келмейинче биз кетпейбиз!

- Ратбек, апаң келсе да мен барбас болуп келгемин, билесиңби?

- Билем, бирок мен үчүн..

- Сен үчүн да барбас болгом Ратбек, менин ордумда болсоң сен да ошол чечимге келмексиң.

- Туура, эми ал үчүн мен сенден кечирим сурап жатам го? - Ратбек Сурмаканды кучактап өөп үйгө кирип уктап жаткан Шакирди карап жанына отуруп калышты, - Андан көрө мен бүгүн ун таап келейин, өзүнчө жашоону башташыбыз керек, эки баланы багууга камыныш керек? - Ратбек жылмая Сурмаканды карап мурдунан чымчып койду.

- Өзүң бил, мен дагы бүгүн Жакып байкеме барып келейин, андан ун, кант-чайга акча сурап келейин.

- Сурмаш, барбай эле койчу аякка, уят го, күтө тур, мен алып келип калам.

- Жо-ок, баары бир барып келбесек болбойт, короону оңдоп малды алып келели, Шакир тамактан кыйналып калбасын, сүт, май алып келели.

- Мейли, мен дагы тапканымды алып келем, - деп Ратбек экөө тең үйдү бекитип жолго чыкты.

Жакып үстүңкү көчөдө эле турат. Жакыптын аялы начар неме, ажаандыгынан туугандары каттабай калган. Жакып жоош, момун адам, балдары апасын урушуп атасына тартып турат. Сурмакан малын кошуп кеткенде Жакыптын жанын койбой:

- Малын багып бергенде сага ыраазы болмок беле, көбөйтүп койсоң алып кете берет, сага эмне, бир кой карматып коймок беле? - деп ажылдап урушуп жүрдү.

- Мейли, ата-арбакты сыйлайм, тууганды кечип кайда бармак элем - деп мойун бербей койгон.

Эми Сурмакан келгенде ого бетер аны жаман көрүп сүйүңкүрөбөй тосуп алды.

- Ке-ел, - деп, жанындагы Шакирди өөп да койгон жок.

- Кел балам, кел! Оо азамат, чоңоюп калган тура, жакшы жатасыңарбы айланайын? - Жакып баланы өөп үйгө киргизди.

- Келдим аба, - Сурмакан суз учурашып үйгө кирди.

Ал кирип кеткенде аялы сырттан бирөөгө:

- Ой баягы карындашы, жетимин жетелеп келип калыптыр, көтөргөн жарым токочу жок, тим эле жетишкен жерге тийди деп атты эле, жүдөп келиптир, - дегенин Сурмакан угуп калды.

Отура албай кайра тура калды:

- Аба, мен кетейин, биз бул үйгө келдик, түндө келгенбиз.. - деп тамагы буула ызаланып жалгыздыгына ичи түтөй сыртка жөнөгөндө Жакып аны токтотту:

- Отур балам, жеңең сүйлөй берет, арты жок ак көңүл, отура гой.

- Жок кетели, үйгө барып тазалап үйдү жаяйын дегем, сиз үйгө өтсөңүз сүйлөшөлү, - деп Шакирди жетелей чыгып кетти.

Келип алып аябай эзилип ыйлады: "Неге элге окшоп туугандарыбыз аз, болгон тууганыбыз акыбалымды сурап койбосо бул жашоодо?" - деп ыйлап жатты. Жанында отурган Шакир анын көзүнүн жашын аарчып:

- Эжо-оо, мине ылай атачың, ыйлабачы мен дагы ылайм анда, - деп эмшиңдеп атканда Сурмакан аны алдына алып кучактап өпкүлөп ийди:

- Садагам, менин эрмегим, боорумдан калган эстелигим.

***

Жазгүл жетишпеген үйбүлөдө чоңойгон. Төрт кыз, үч уул - жети бир туугандын ортончусу. Мектепти бүтөөрү менен ала качып кетип аерде эки-үч айдай эле турду. Өгөй энеси келинди жактырбай койду. Күйөөсү жетим болуп чоңойгон неме эч нерсе дей албай тим болуп жүрдү. Акыры Жазгүл чыдай албай кайненеси менен уруша кетип качып чыкты. Ошол бойдон барган жок. Эки эжеси күйөөгө тийе электе эрге тийип чыкканга элден уялып жүрүп акыры айылдын борборуна жумуш таап иштеп кетти. Иштеген жери айнек идиш чыккан завод болчу. Орус-кыргыз чогуу иштешкендиктен аны "Женя" дешчү. Эки жылдай иштеп жүрүп бир жигит менен таанышып калып аны менен сүйүүнүн ырахатын татууну ойлоп жүрүп бойуна болгонун билбей калды. Билген күнү ага жолугуп:

- Ырысбек, менин боюма болуп калыптыр, эмне кылам? - деди аны үмүттү карап.

- Женя, менин үйбүлөм бар экенин билесиң да, өзүң бил эмне кылышты.

- Кантип? Ата-энем мени өлтүрүп, намысынан өздөрү өлүп алышы да мүмкүн.

- Эчтеке болбойт, алдырып кой, мен сүйлөшүп берем, - Ырысбек баладан баш тартканда ага жини келип Женя "алдырбайм" деп терс бурулуп кетип баратып:

- Мен төрөйм да сенин эшигиңе таштайм, сенин балаң экенин айтып таштайм! - деп жүгүрүп баратканда Ырысбек:

- Женя сүйлөшөлү токтосоң, бир аз токточу! - деп артынан жүгүрдү.

- Жо-ок, мен сени менен сүйлөшүп бүттүм! - Женя токтобой кетип калды.

Ошол бойдон Женя иштеп жүрүп төрөөргө жакын иштен чыгып курбу кызынын үйүндө туруп калды. Ырысбек канча жолу жолугууга келсе да жолотпой койду. Төрөөр күнү курбусу экөө эч кимди киргизбей бөлмөдөн төрөдү да, экинчи күнү экөө такси менен Ырысбектин үйүнө алып барып таштап койду, бирок өз баласы экенин жазган жок, туулган күнүн так жазып коюп эшигинин алдына жаткырып карап турушту. Бала ыйлаганда Ырысбектин балдары чыгып таңгала көтөрүп кирип кетти. Аны көрүп эки кыз үйлөрүнө кайтты. Кайрадан ишке орношуп иштеп, ата-энесине тапканын жөнөтүп, кээде өзү барып келип турду. Ырысбек ташталган эркек баланы аялы экөө эмне кылабыз деп кеңешип акыры өздөрү бакмак болушту. Ырысбек "ичтен тынып" деп мыйыгынан жылмайып, бырс этип күлүп алды.

- Мейли, баш кошулса бакыт эмеспи, кудай кубат берсе он баланы багууга жарайбыз, кемпир.

- Мен дагы ошентип ойлоп атам, балага зар болгончо, балага бай болгон жакшы, - Аялы да болтоюп али көзүн ача элек наристенин жытын жыттап койду маашырлана.

Бирок тагдыр дегениң чакмак таш ойногон сымал адам баласын каалагандай чайкап эртеңиңдин эмне болоору эсиңе да келбес окуялар өтө берет эмеспи. Арадан билинбей эле үч жыл өтүп кетти. Ырысбек андан кийин Женяга канча жолукса да сүйлөшпөй басып кетти. Акыры алды-артынан түшүп жүрүп, бир күнү аны жумуштан чыкканда тосуп алып колунан тартып машинага салды да ээн жерге алып барды:

- Менден ала элек дагы кандай өчүң бар, мени жайыма кой! - Женя аны карабай туруп айтты.

- Мен эмес сен өзүңдү алдың, өз баламды өзүмө бактырып жатканың абдан акылдуулук, ыраазылыгымды билдирмекмин.

- Аа-а, ыраазымын дечи, таштанды баланы бакканың үчүн сооп таптым дебейсиңби?!

- Өз баламдын бирөөгө кор болбой өз колумда өсүп атканына!

- Өз балаңдан баш тартып жарыкка келүүсүн каалаган жок элең го, эми өз балам дегенге жарап калыпсың го?

- Алда качан өз балам деп ачыгын айткам, өзүмө окшошун айтпа.

- Менин канымдан жаралган баламды күнү-түнү ойлонуп, азап чегип жүргөнүм сен үчүн түккө арзыбаганын билем.

- Андай эмес, мен сени менен сүйлөшмөк болгонумду жакшы билесиң, баш тарткансың, эми дагы кулак салгың келбей жатат.

- Убактым аз, айтчуңду айта сал, кетишим керек! - Женя машинадан түшмөк болгондо аны Ырысбек тартып алып бекем кучактап өөп туруп алды. Бошонууга аракет кылган Женя аргасыз ага көнүп берди.

Кайрадан экөө мамилесин улантып күндөп-түндөп жүрө баштады.

- Ырысбек, дагы боюма болуп калса кантебиз? - Женя сынай күлүп койду.

- Аны көрө жатаарбыз жаным, андан көрө убакытка уттурбай ойноп-күлөлүчү, - Ырысбек аны жулмалай кучактап жыгылды.

Экөөнө азыр жашоонун күнүмдүк түйшүгү эмес, бир келген өмүрдүн кызыгын көрүү гана керек болчу. Тирүүлүккө келген соң бир өмүрдө жыргап өтүүнү да унутпагандар бар, ал эми тирүүлүктүн түйшүгүнө эт-бети менен берилип көр дүйнөнүн артынан түшкөн адамга убакыт деген өтө баалуу, жадагалса жакшы уктоого чамасы келбей жүрүп өткөнүн сезбей да калат. Чиркин өмүрдүн баалуулугу өмүрдөн өтөөрдө гана сезилет пенделерге, жашап өткөн жолун көз ачып жумгуча сыдырып өтүп, анан өкүнүп кете берет. Ырысбек чынында Женяны сүйчү, аны менен үйлөнүп алууга болбойт эле, анткени ал партиялык кызматта болчу. Ал кезде үйбүлөсү туруп экинчи аял менен жашоо анын кадыр-баркын түшүрүп, кызматтан түшүп калуусу мүмкүн эле…

Женя алды-артын карабай жүрүп дагы бойуна болуп калды, ал дагы чыдады, убактылуу батир жалдап төрөгөндөн кийин такси жалдап алып өз ата-энесинин үйүнө келди да таштап коюп кетип калды. Ак жайдын айлуу түнүндө сөрүгө жаткырып кеткен наристени ата-энеси көрүп багып алмак болду эле, улуу кызы:

- Кайдагы никесиз төрөлгөн баланы багып эмне кыласыңар, башка бага турганга бергиле, кереги жок! - деп каршы болуп туруп алды.

- Кантип, татынакай уул бала экен кызым, баланы кордогон болбойт, сен күйөөгө тийип балалуу боло элексиң, бала кадырын билбейсиң, кой багып алалы, - апасы тызылдап ийди.

- Жок! Эгер ушу баланы баксаңар мен үйдөн таптакыр кетем, ошол нокотекти багып жата бергиле. Эркек балаңар болбосо бир жөн, кайдагы бир аягы сай таппаган шуркуялардын төрөп таштаган баласын багам дейсиңер!

- Шашпа эми, таң атсын, элди чакырып кеңешели, анан берсе берээрбиз, - деп апасы какылдап ыйлап жаткан наристеге сүт берип, жалаягын которду.

Кызы баланы көргүсү келбей ички үйүнө жатып алды. Энесине бала өтө жылуу учурап көзүнө жакшы көрүнүп аткан менен чалы дагы:

- Кемпир, кызым туура айтат, уул балабыз жок болсо бир жөн, бага турган болсо берип ийели, өз неберелерден айтсын, - деди ага түндөсү жатарда.

- Мейли эми таң атсын, элди чакырып учасковойду чакырып салып берем, - жини келген Женянын апасы тескери карап жатып калды.

Эртеси балага сүт берип тойгузуп, жалаягын которуп коюп эшикке чыкты да коңшуларынын бирине айтты, эл бат эле чогулду.

- Мына бул ымыркайды түндө биздин сөрүгө таштап кетиптир, эмне кылалы, ким багат, милийса чакырып берип койолубу? - деп элди карады ал наристени көрсөтө.

- Апи-ий ботом, ким таштаптыр?

- Кандай шүмшүк төрөп таштап кетти?

- Капырай… - дешип бир топко таңгалып талымсып атышты да, анан бири:

- Ой милийсага айтпай эле тиги Зуурага айтпайлыбы, анын бага турган кудурети бар го? -деди бири.

- Ырас эле, ошого балдардан жөнөтүп ийели, - бири шашып баласын жөнөтүп калды, ал Шакирдин досу Исанын аялы болчу. Зуура айылдын орто жеринде болгондуктан бир топ алыс эле. Бир сааттай убакыт өткөндө Шакир менен Зуура келип калды. Баланы көрүп эле Шакир:

- Уул бекен же кызбы? - деди элге карап.

- Эркек экен.

- Анда бизге бергиле, багабыз кудай алсын, - Шакир баланы көтөрүп турган Женянын апасынын жанына келди да баланы колуна алды, - Кана эл журт, баланын өмүрү узун болсун, мен алып кеттим! - дегенде баары:

- Өмүрү узун болсун, Зуура экөөңө эрмек болсун!

- Кут болсун, балалуу болушуңар менен! - дешип чуулдаганда Шакир наристени бооруна кыса жөнөгөндө Зуура аны ээрчип кошо басты. Аларды узата караган көпчүлүк тамшанып, таңдайларын "шык" эттирип:

- Шумдук, бул айылда төрөй турган ким бар эле, ыя?

- Билбейм, байкуштар багып чоңойтуп койсо ээ болуп чыга калбаса болду, - дешип көпкө туруп анан тарай баштады.

Женянын эжеси утуш алгандай кубанып алды. Анткени отузга чыкса да ал күйөөгө тийген эмес. Ата-энесинин тапканын өзү каалагандай пайдаланып каалагандай урунчу.

Женя жатаканада бир жумадай жатты: "Атамдар баланы багып алат, эжем бар, аны жакшы карашат, чоңойсо билгизбей шаарга алып келип алам" деп көңүлү ток тыңып алгандан кийин жумушка чыгып иштей баштады. Ырысбек бул жолу төрөгөнчө кабар алып, керектүүсүн даярдап берип турду. Жумушка чыкканда келди да ага:

- Женя, сен жакшыраак тыңыганча жата турсаң болмок, мен керегиңди алып барып берип турат элем, ооруп калба, - деп аны эркелете өөп койду.

- Ырысбек, сен мени мынча эмне куураттың? Күкүк болдум, балдарымды ар жака чачыраткан, деги мени тынч койчу эми. Эл эмне деди, ата-энем эмнени ойлоду, жумурай журтка шерменде болдум.

- Койчу жаным, балдардын бири менде, бири ата-энеңде, чыдай турсак бир себебин табаарбыз, жакында аялым мени менен урушуп кетип капа болду, балдарды алып кетем деп атат, унчуккан жокмун, эгер ал кетсе келбейт, анын мүнөзүн жакшы билем, анан экөөбүз жашай беребиз.

- Кантип? Ал кеткен күндө да сени тынч жашатпайт го?

- Ал андай аял эмес, ишенсең аны менен жатсам деле сени эстеп, сени ойлоп ага салкын мамиледе болуп калсам керек, өзүм да билбейм, балдарымдын алды он үчкө чыкты, ажырашсам ажырашып кетебиз да.

- Мен сени ажыраш деген жокмун, мени тынч кой деп атам, өз жашоомду өзүм өткөрөйүн, сен мага түшүнгөн жоксуң, менин жүрөгүм сыздап балдарымды ойлоп жаман болуп турам, мен дагы өз баламды эне катары маңдайында отуруп багып энелик мээримимди төккүм келет, бирөөнүн сүйүктүү аялы болуп үйбүлөлүк бакытты көргүм келет

- Шашпа, бир аз чыдачы, мен сага үйлөнөм, - Ырысбек канчалык какшап атса да Женянын уккусу келбеди.

Экөө эки жакка таарынышып бөлүндү. Жумушка капа болуп келген Женяны көргөн курбусу Адинай:

- Сага эмне болду? - деп шыбырай сурады.

- Эч нерсе, - Женя сүйлөгүсү келбей ага жүзүн үйрүдү, - Ишиңди кыл, мени эмне кыласың?

- Эмне кылганды көрөсүң! Ырысбегиңди эми келгис кылам, ал сенин ал-абалыңды түшүнгүсү да келбейт, мен эми ага көрсөтөм!

- Эмнени көрсөтөсүң? - Женя ага ичи жылый жылмая карап ишин уланта берди.

- Шашпасын, ар убак сен ошонун азабын тартып жүрө бермек белең? - Адинай ары бурулуп өз ишине киришти.

Экөө ошол бойдон сүйлөшкөн жок, жумушу бүткөнчө: "Ушул курбум менин сырымды жакшы билет, түшүнөт. Эми бул турмушка чыкса өз жашоосу менен болот, анан жалгыз сырдашаарым жок калам. Ырысбек эмне, күнүмдүк ойноп күлүүнү кана ойлоп, менин тагдырым менен эсептешип да койгусу келбейт. Колунда кызматы, койнунда аялы, кучагында ойноп турган балдары бар , мени ойлогонго чамасы жетмек беле, өзү айткандай чарчаганда эс алдыраар, чаңкаганда суусун кандыраар, эңсегенде кумарын жазаар кезде кана мага жетип келет. Мен ал үчүн ысыганда сергип чыкчу чалкыган көл болдум" деп жумушун алагдыланып атып зорго аягына чыкты. Адинай экөө чогуу чыгып, жатаканасына келишти. Газга тамак жасап ичип, анан телевизор көрмөк болуп, кроватка жатып алышты. Экөө тең үн катпай көпкө жаткандан кийин Адинай:

- Женя, ушу Ырысбегиң эркек эмес, сени жөн эле ойнотуп атат, эми келсе мен ага жолугам да экинчи кайрылгыс кылам, макулбу? - деди аны карап.

- Өзүң бил, аны ойломок тургай өзүмдү-өзүм ойлоого алым келбей баратат, баламды ата-энем багып атабы, эмне деп атышат, ошону биле албай азаптамын.

- Сенин убалыңды ойлогон жок ал, жөн гана көңүл ачууну каалап жатат. Жаш, сулуу келин менен ким эле ойноп-күлүп кумарын жазгысы келбесин.

- Аны кой Адинай, андан көрө өзүң жөнүндө айтчы, тоюң качан? - Женя өзүн алаксыткысы келип ордунан туруп отурду да, - Бакыт үйүнө качан барабыз? - деди жанына жетип барып кучактай.

- Эки жумадан кийин, мен ата-энеме чакыруу билетин жөнөтүп койдум, - Адинай бактылуу курбусуна карады.

- Оой азамат десе, анда кийим даярдаш керек тура!

- Ооба даярдана бер. Эрмат эки күн калганда экөөбүз салонго, алтын дүкөнүнө кийимге чогуу барабыз деди.

- Бактылуу бол курбум, бактылуу болгула ылайым аялзаты каалаган бакыттын сересине жетип эч нерседен кем болбой өт!

- Рахмат, өзүң да бактылуу бол курбум, бүгүн кайгырсаң, эртең күлөсүң, бүгүн ыйласаң дагы бир күнү кубанасың, жашоо ошондой табышмак. Мен сен үчүн абдан ойлоном, өзүң аябай сулуу, акылдуусуң. Анан эле көзүңдөн жаш, көкүрөгүңдөн муң кетпей мени кошо санаага салып атасың.

- Мен үчүн кабатыр болгон мээрманым, боорукерим, насаатчым менин, адегенде алгачкы кадамды жаңылбай аттап алсаң жашоо оң жагына оосо керек, мени ала качып кетип турмуштан ордумду табалбай адашып калдым… - Женя ойлуу отуруп калды.

Телевизордо кыргыз ырчыларынын концерти болуп жаткан, Адинай туруп барып өчүрүп салды:

- Дегеле ушул кыргыздын ырын уккум келбейт, кээси башка элдин ырларын которуп алып тамтаңдай беришет. Эски ырчылардын ырлары жагат, эстрадага оогону миң ырчыдан бирөө жакшы болбосо дегеле шум…

- Мага дагы эски ырчылар жагат, дастандар жагат. Манасты уккандан ким тажасын, Курманбек менен Саринжи Бөкөйдү кичинемде аябай жакшы көрчүмүн. Рыспайдычы, уккан адамды өз ырынын ар бир сабына ийиктей имерип алып созгондо… - Женя күлүп:

- Акпы, көкпү-үү, кызыл бекен жоолугу-уң,

Жоолугуңдун өңүн көрбөй оорумун.

Балким уш-шу-ул, зор бактынын өзү-үдү-үр!

Өмүр бою, өмүр бою, издеттирип бир көрүнбөй койгонуң! - деп эки колун жая созуп калганда Адинай каткырып калды.

- Ой сен тим эле өзүндөй созот турбайсыңбы?

- Кайда-ан, ал кишинин өзүнө окшоп ырдаш үчүн Рыспай кайра жаралышы керек!

- Туура, окшоштуруп эч ким ырдай албайт да, - деди Адинай ойлуу. - Мен "Манасты" угар элем, бир жолу телевизордо Манас айтып атса угуп отуруп ал бүтүп калса ыйлаптырмын: "коюп койгула, мен Манасты көрөм" деп.

Күлүп калышты. Жаштыктын өзү майрам эмеспи, экөө күлүп, каткырып сүйлөшүп отуруп уйкулары келгенче отурушту. Жашоо күрөш дегендей кайрадан жумуш, тиричилик адамды тынч жашатмак беле, түйшүктү мойнуна арткан адамзаттын өмүр шамы өчкөнгө чейин тиричиликтин кулу болуп жашай берет го? Адинай ар бир мүнөтүн, ар бир күнүн бактылуу кыялдар менен өткөрчү болду, анткени анын жигити чоң бизнести жаңыдан баштап иши илгерилеп келе жаткан жаштардан. Ар убак келгенде Адинайды: "Болду, иштебей эле кой" дегенге ал болбой жүрдү. Ошол күнү дагы ал жатаканасына келди.

- Сулуулар, кандайсыңар?

- Баары жайында, келипсиз жигит? - Женя ага күлүмсүрөй карады.

- Келип калдык. Адинай, акыбал кандай, жумушту качан таштайбыз?

- Сиз айткандан кийин таштабаска аргам жок, - Адинай жылмая жооп берди.

- Эмесе кыздар, кайда барабыз?

- Өзүңүз билиңиз, - Адинай уяла Женяны карады.

- Анда кеттик! - деп Эрмат Адинайды колтуктай босогого жеткенде Женя:

- Жаштар эмесиңерби, ээн-эркин экөөңөр эле барып келгиле, мен барбай эле койойун, эс алышым керек, - дегенде Адинай жигитинин колунан бошонуп анын жанына келди да:

- Сен барбасаң мен дагы эч жакка барбайм! - деп керебетке отуруп алды, - Сенсиз көңүл ачууну каалабайм!

- Кой эми Адина, жигит күтүп калды, мен чынында чарчадым, а сен барбасаң болбойт, келечегиңерди кеңешесиңер, сүйлөшөсүңөр… Экөөңөргө ээндик керек, ашыкча адамдын тоскоолдугунун кереги не? - Женя аны кучактай жүзүнө үңүлдү, - Бүгүн эркин болгула, мындан кийин сөзсүз чогуу болом.

- Жо-ок, сен мага эч качан тоскоол болбойсуң, чогуу кеңешебиз, бирге эс алабыз, болбосо мен да барбайм, - Адинай Эрматты карады, - Эрик, сиз бара бериңиз, мен курбумсуз эч жакка барбайм: - Адинай көгөрүп болбой койгондо Эрик:

- Женя, Адинай менден да сени жакшы көрөт экен, суранам, жүрү биз менен? - деп эңкейе колун созуп тизесин бүгө, - Мархамат мадам! - деди эле экөө каткыра тура калышты.

- Ай болбостур эми, кеттик анда. Адинай тежик кыздын ою менен болбосом болбой калды, - деп Женя кийине салып алар менен ээрчише сыртка чыкканда Ырысбек машинасын жаңы токтотуп түшүп жаткан экен. Женя не кылаарын билбей токтой калып катып калды. Адинай аны бир карап алды да Ырысбектин жанына жетип:

- Сиз капа болбосоңуз мындан ары Женянын тынчын албаңыз, анын да көңүлү ооруйт, жүрөгү сыздайт, ээн көлдө чабак уруп чардап алып көлдүн булганганы менен ишиңиз жок басып жүргөнүңүз кантип болсун, азыр кетиңиз! - деди да таштай катып турган Женянын жанына барып колтуктай Эрматтын машинасына алып барып арткы орундукка отургузду да, өзү алдына отурду, - Кеттик, - деп Эрматты караганда ал эч нерсеге түшүнбөй машинасын ордунан жылдырып жатып:

- Эмне болуп кетти, бул ким? - деп Адинайды карай суроо берди.

- Аны эмне кыласыз, адамды кол жоолукча көрбөгөндөрдүн бири, - Адинай ойлуу алды жакты карап күбүрөнүп алды, - Ал адам эмес таш боор, жүрөгү жок макулук…

- Адина, ага капа болбочу, өз келечегиңди ойлочу, өлүп кетсинчи, менин тагдырым эбак талкаланган, ансыз да өзүмдү бул тирүүлүктө ашыкча сезе баштадым, - Женя алдыда отурган курбусун ийинден кармай буулуга сүйлөдү.

- Сен үчүн мен качантан бери кыжаалат болом, ушунчалык да мерез, таш жүрөк адам болобу десең?

- Кыздар, баарын унутуп бир көңүл ачалычы, - Эрмат экөөнө карады, - Кана, ресторан "Диского" кирелиби?

- Каалаганыңыздай болсун, биз сиздин эркиңиздебиз, - Адинай күлө бажырайып карап койду.

Женя ойлуу, күзгүдөн арт жагын карап келе берди, негедир алардын артынан келе жаткан машинадан көзүн албай келе берди, анткени алардан калбай Ырысбек келе жаткан: "Бул эми неге келе жатат? Адинайдын да жүрөгү ооруп кыжаалат болот го, тынч эс алсын десе болбоду" деп ойлоп баратат. Ырысбек болсо: "Булар жөн бараткан жок, Женяга да бирөөнү таап тааныштырганы жаткан го, окшошкон шуркуялар десе, менден жашырып жүргөнүңөрдүн бетин ача албасам элеби?" деп калбай келе берди, бирок алар токтогондо ал өтүп кетти, өтүп барып тигилер ресторанга кирип кеткенде кайрылып келип четке токтоду да акырын баш бакты. Алар үчөө эле отурушкан экен, көпкө токтоду да акыры байкатпай четке отуруп өзүнө заказ берди. Канча байкабасын алардын жанына чоочун бирөө басып келген жок, үчөө ар кайсыны айтып көпкө күлүп сүйлөшүп отурушту. Ырысбек алардан көзүн албай отура берди, бир кезде Женя аны байкап калды, Адинайга айтпады. Музыка угуп, бийге түшүштү, Женя турган жок, ага түрк улутундагы бирөө бийге түшүүгө сунуштады эле акырын Ырысбекти бир карап туруп аны менен түшүүгө макул боло ордунан турду. Женя түрк жигити менен чимирилип укмуш бийлеп жатты, калгандар бийин токтотуп аларды карап кол чаап калышты. Тим эле мурдатан экөө бирге бийлеп жүргөндөй. Алар музыка бүткөндө токтоп бири-бирин карай жылмая жүгүнүп койгондо баары кол чаап жиберишти. Түрк жигит Женянын колун өөп ордуна жеткирди да таанышууга кол сунду:

- Кечиресиз, таанышып албайлыбы? Менин атым Хазар, - ал таптак кыргызча сүйлөдү.

- Менин атым Женя, - Женя да ага жылмая колун бере көз кырын Ырысбекке жиберип көзүн сүзүп койду.

- Мүмкүн болсо бирге отурбайлыбы, - деди ал ага ийиле.

- Рахмат, биз кайтканы калдык, - Женя ага ыраазылык билдире колун бооруна алып койгондо ал кайра:

- Анда дарегиңизди айтып коюңуз, азыр кетсеңиз жоготуп алам го? - деп жылмайып туруп калганда кагазга дарегин жазып кармата салды Женя. - Рахмат, өзүм жолугам, - Хазар басып кетти.

Алардын баарын көз албай карап турган Ырысбек өзүнчө жинденип, жаны жай албай, эмне кылаар айласын таппай отурганда Эрматтар ордунан туруп жөнөп калды. Ырысбек кошо чыгып дагы артынан жөнөдү. Женя баарын байкап турду. Жатаканага келишкенден кийин Эрмат кыздар менен коштошуп жөнөп кетти. Экөө ал кеткенден кийин кирип баратканда Ырысбек алдына пайда боло калды.

- Сиз… сиз кайдан? - Адинай оозуна сөз кирбей жалдырай карап туруп калды.

- Адинай, мени кечирип койгула. Женя токточу, сүйлөшүп алалы, - деп Женяны колдон кармай калды.

- Койо бериңиз, мен сизге айтпадым беле? - Адинай анын колун бошотуп алып басып кетээрде Ырысбек Женяга жол бербей туруп алды. Женя Адинайга карап:

- Адина, сен кирип тур, бир мүнөткө эле, суранам сенден? - дегенде Адинай ага таарынгандай түр менен кирип кетти, - Кана сүйлө, эмне дегиң бар деги?

- Женя, мен сага үйлөнөм, ишен мага! - Ырысбек шашкалактай сүйлөп кирди. - Мен баарын ойлоп чечтим.

- Кантип, куру сөзгөбү?

- Жок, жок Женя, чын айтып жатам, аялыма ачыгын айттым, ал дагы түшүндү, - Ырысбек Женяга жалдырай карады.

- Болуптур, сөздү көбөйтүп убакытты өткөргөндөн көрө болоорун күтөлү. Эми бар, мен эс алайын, эртең жумуш, - Женя аны карап кол сунду, - Көрүшкөнчө!

- Көрүшкөнчө, - Ырысбек ыргылжың боло жолуна түштү.

Женя киргенде Адинай аны карап:

- Эмне, дон-жуаның сени сагынып калыптырбы? - деп мыйыгынан күлүп койду.

- Ооба, сагынып келиптир, - Женя ашыкча сөздү айтпай көңүлү кирдей ойлуу керебетке отуруп алды, - Адинай, жаным менин, кабатыр боло бербечи, бир өмүрдө болоор нерсе болуп өттү, көрөөрмүн мен дагы эмне күтүп турганын.

- Мейли эми, сен да ойлоно берип башыңды оорутпа курбум, жакында Эрмат экөөбүз үйлөнсөк сага момундай жигиттерди таап берем, мага аяш болосуң, - Адинай жаркылдай күлүп бармагын көрсөтүп койду.

- Адинай, сен бактылуу болсоң болду, барганда сыйыңды көрүп келип катышып турсам болду, арабыз алыстап кетпесе экен.

- Эч андай болбойт, мен сенден алыстабайм.

- Мен да ошондой деп ойлойм, бирок жашоо, тагдыр өзгөрүлмөлүү келет, биз ошого чыдашыбыз керек, анан көрөөрбүз, - деп Женя Адинайды кучактап өөп тегерене бийлеп кетти, - Бакыт каалайм курбума, өмүрүң узу-ун болсун, татканың ба-ал, жегениң куйру-ук, ичкениң шара-ап, жүргөн жериң ойун-зоок болуп жаткан жериң мамык төшөк, үрдүн кызындай үлпүлдөктүн ичинде ханышадай өмүр сүр! - Бекем кучактап эки бетинен өөп бийлеп жатты.

- Ырахмат курбум, мага каалаганың өзүңө дагы келсин, түбөлүк курбу болуп балдарыбыз чоңойсо куда, кудагый болуп ортобузду ажырагыс кылып бекемдейбиз!

Адинай дагы аны өпкүлөп экөө көпкө бийлешти. Көпкө бири-бири менен бийлеп өз ичтериндеги кубанычтарын тең бөлүшүп отуруп анан жатышты. Женя Ырысбектин сөзүнө ишенбей Адинайга айтпады: "Балким сөзүнө туралбасачы? Аялы төрт бала менен кайда кетмек эле, жөн эле алдап жатат го. Баламчы, аны кошо алып кетип калабы?" деп ойлонуп жатып уктап кетти.

Көнүмүш жашоо, жумушка барып кайра келип тажатма күндөр өтүп Адинай жумушка чыкпай калды. Ал Эрмат экөө үйлөнүү тойго камынып жүгүрүп жүрүштү. Бир күнү жумуштан келип Адинайды күтүп отурса эшик тыкылдап калыптыр. Адинай экен деп ача койгон Женя делдээ туруп калды, босогодо арык чырай, узун бойлуу, ак жуумал аял туруптур.

- Сизге ким керек? - Женя адегенде ошого зорго жарады.

- Мага Женя деген керек, сен ал эмессиңби? - деп ал аял аны сүйөй ичке кирип келди, - Мен ошону издеп жүрөм.

- Издесеңиз таптыңыз, айтчуңузду айта берсеңиз болот, кулак сизде! - деди Женя өзүн токтото калып анын артынан.

- Сенсиңби? - Ал аял бурулбай туруп сурады.

- Ооба, мен Женямын!

- Анда мындай, сен менин эримди сүйөсүңбү же анын байлыгы менен кадыр-баркынбы?

- Мен сиздин эриңиздин ким экенин адегенде билсем, анан жоопту берсем… - Женя ал аялга тике карап сурады.

- Аа-а бойдоктор көп менен жүрөт, кимдин аялы экенимди билбей адашып турганың чындык. Ырысбектин аялы экенимди айтпай калган турбайынбы?!

- Сиздин эриңиз Ырысбек болсо мен аны сүйөөрүм чындык, жакында үйлөнмөк болуп жатабыз, - Каштарын серпе көзүн сүзүп койду.

- Ш-шуркуя, бактылуу жашообузду бузуп, көрүнгөндөн төрөгөн балаңды алпарып берип ортобузду суутуп жатасың!

- Мен эмес, күйөөңүз күнөөлүү экенин угуу оордук келбестир дейм сизге?!

- Эч качан! "Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт" деген сөз бар, алдагынтип көзүңдү сүзүп атсаң азгырылат да!

- Өзүңө сак бол, коңшуңду ууру тутпа!

- Кудай сактасын, обу жок бирөөнү күнөөлөгөндөн алысмын, ал турсун балаңдын атасы ким экенин так билбейт чыгаарсың? - ал дагы Женянын маңдайына тике тура калып мисирейди, - Күйөөмдүн кадыры, балдарымдын бактысы, үйбүлөмдүн биримдиги үчүн сенин нокотек балаңды багып жатам!

- Атасы Ырысбек, ал өзү билет, балага шек келтиргенге кыпындай да акың жок экенин билип кой!

- Кааласам көчөгө таштап койом, мени эжелеп алдыма түшкөндүн ордуна мага кыр көрсөтөсүң, - Ырысбектин аялы Женяга ээликтей карады, - Жолдо жүрүп төрөлгөн бала жолдо чоңойот!

- Ошол баланы көчөгө таштамак турсун ооруп калса жооп бересиң. - Женя сөөмөйүн кезей сүйлөдү, - Ошол бала үчүн жарыкчылыктан айрылып калышың ыктымал!

- Ыкы, сенин балаң кудайдын баласы болсо да, - Ал айласы куруй босого жакка басты.

- Билсең ошол үчүн жашап жатасың, болбосо Ырысбек алда качан мени менен болмок, үйүңдү бузбайын деп аны өз тууруна кайтарганым үчүн мага миң мертебе ыраазы бол!

- Ой, ой, рахмат сага, эримди өзүмө кайтарганыңа, - дегенде Адинай кирип келди.

Экөөнү элеңдей карап туруп калганда Женя:

- Кел Адинай, биз Ырысбек экөөбүз эртең загска барганы калдык. - Ага карап көзүн тигил аялга карай ымдап, - Сен барып чакыруу билетке заказ берип келе калчы! - деди.

- Жакшы болгон тура, чогуу өткөрөлү үйлөнүү тойду, кана бере сал! - деп Адинай дагы атайын Женяга жакындап, - чакырылган адамдарыңды келгенде жазасың, биз сексен билетке заказ кылганбыз, ошого канчаны кошуп койойун? - деди.

- Сексенге, баары биригип жүз алтымыш болот экен, Ырысбек менен Эрмат эки жүз адамды тейлегенге жарайт! - Ошол убакта тигил аял тарс дей түшүп жыгылып кетти.

Адинай менен Женя коркуп дароо таксиге сүйлөшүп, ооруканага жеткирип ал эс алгандан кийин кетишти. Зейнеп өзү жүрөгү оорукчан эле, приступ бериптир. Экөө көпкө чейин унчукпай отуруп анан Адинай:

- Экөөбүздүн сөзүбүз өтө оор тийди окшойт ээ, кантсе дагы аял эмеспи, күйөөсү айбан да, жакшынакай аялы туруп ар кимге асылган.

- Аны эмне кыласың курбум, эстебей эле койчу. Андан көрө иштериң кандай, баары жайындабы?

- Эң сонун, Эрмат ата-энесин эртеңкиге чакырды, мени тааныштырмак болду. Эгер туура көрсөң мени менен барчы, уялып атам жалгыз баргандан.

- Эртең жумуш да, кантем анан?

- Бир күнгө жооп сурабайсыңбы?

- Анда эртең менен эрте барып шефке жолугушум керек.

- Ошентчи, жалгызсыратпай жанымда болбосоң болбойт, Эрмат дагы Женяны ээрчитип ал деди.

- Сенин ата-энең качан келмек болду?

- Алар эки күндөн кийин келет, эртең той деген күнү.

- Кой, эртең кийип бара турган кийимимди даярдайын, - деп экөө тең кийимин даярдоого киришти.

Улам бирине-бири башка көйнөктөрүн көрсөтүп көпкө убараланып атты. Акыры кийимдерин даярдап бүтүп бирден кийип көрүп көңүлдөрүнө жакканын алып коюп жатканга кирди. Той жөнүндө кобурашып көпкө уйкулары келбей жата берди экөө тең. Адинай үч күндөн кийин турмуш деген табышмактуу каалганын эшигин аттап, жашоо деген өмүр карытаар кызык дүйнөнү аралоодон адашпай, туура, таза өтөөгө өзүнө-өзү убада берип, Эрматтын да өзүнө татыктуу болушун тилеп атты, жүрөгүндө. Таң атып жерге жарык түшкөндө Женя шашыла туруп кетти. Ал барып эле суранып кайра келсе жатакананын эшигинде чет элдик машина токтоп, андан Хазар түшкөнүн көрүп токтой калды. Хазар туура эле жатакананы көздөй басканда Женя бекине калды. Бир аздан соң Адинай менен Хазар экөө сыртка чыгып сүйлөшүп туруп калды. Женя эмне кылаарын билбей жашынып тура берди. Хазардын кетээр түрү жоктой, Адинай дагы аны чыдамсыздык менен күтүп жатканы сезилди. Ошол убакта Эрматтын машинасы келип калды эле: "Кой, эми үйлөнгөнү жаткан экөөнүн ортосуна кара көлөкө түшүп калбасын, мага келгенин билбей кызганып жүрбөсүн" деген ойдо чыга келди. Аны көргөн Хазар:

- Кандай, сулуу кыз, сизди күтүп жаттык эле, - деп учурашып туруп калганда Эрмат жете келип селкисинин бетинен өөп экөөнө баш ийкеп койду. Женя:

- Хазар, бүгүн менин убактым жок, шашылыш бир жакка бармакпыз, дагы бир күнү жолугаарбыз, - деп аны кетирүүгө шашты.

- Жо-ок Женя, бүгүн сени ойнотуп келейин деген элем, атайы издеп келдим, - ал да болбой туруп алды.

Акыры Женя ага түшүндүрүп дем алыш күнү жолукмак болуп Хазарды жөнөтүп, Адинайлар менен чогуу кете берди. Эрматтын заңгыраган үйүнүн короосуна машина киргенде Эрмат:

- Адинай, сага ачык айтып коюшум керек, бүгүн биякта болосуң, ата-энем ырым-жырымын жасайбыз деп жатат. Кыскасы бүгүн башыңа апам жоолук салат, - деди жылмая.

- Кантип? - Адинай көздөрүн бакырайта башка сөз айтууга жарабай бир Женяны, бир Эрматты карады.

- Ошондой, эгер мени уят кылсаң өзүң бил, менин босогомду өз дилиң, таза пейлиң, жүрөгүң менен атта, бактылуу болушубуз үчүн…

- Туура Адинай, сүйгөн адамыңа баш кошуу кандай кана бакыт, - Эрматты күлө карады Женя, - Күйөө келсе кыз даяр дейт. Эрмат, кыз кылыгы менен, Адинай чын жүрөгү менен сени сүйгөн соң, ак дили менен аттайт! - дегенче үйдөн бир топ аял-эркектер чыга калды, көрсө Эрмат баарын табышмактуу кылып үйдөн чыкпай тургула деп кеткен экен, достору дал ошол жерде эле.

Үйдөн чыккан аялдар табакка боорсок, конфеттерин алып чыгып чача баштады эле дагы экөө-үчөө келип кыздардын кимисин кармаарын билбей бири-бирин карап туруп калганда Женя акырын сөөмөйү менен Адинайды көрсөттү, дароо эле аны алып түшүп үйгө карай жетелеп жөнөштү: "Ай тигиниси деле аябай сулуу кыз экен, келин кылып алса болчудай" деп шыбырашканын Женя угуп Адинайды бир жагынан колтуктап кирип баратты. Адинай менен Женя тең эле, жыйырма бирде, Женянын экини төрөгөндөй түрү жок, татынакай ичке, узун бойлуу келин. Адинай күйөөгө тие элек кыз болчу. Үйгө кирип тартылуу көшөгөгө отургузуп башына аппак жоолукту салып, үстүнө жаңы чыккан көйнөк кийгизишип:

- Ак жолтой, ак жүздүү бол садага, алганың менен тең кары, алдыңды бала, артыңды мал бассын!

- Бактылуу болгула, айланайындар.

- Түсү ийгиден түңүлбө деп, өңдүү-түстүү кыз экенсиң садага, ата-энеңе ырахмат, үлбүрөтө өстүрүп минтип бизге жеткиргенине.

- Ооба десең, үрдүн кызы болсо ушунчалык болгондур? - дешип бака-шака түшүп жатышты.

Анын ортосунда Женяны да тамашага чалып тийише сүйлөп кирди бири:

- Келин бала менен кошо бир сулуу кыз келиптир, муну дагы алып калбайлыбы ыя?

- Ошентиш керек, "жакшыны жатка чыгарба" дейт, алып калалы, - дегенде Женя:

- Эжелер, менин эки балам бар, күйөөм бар, аларга жооп берсеңер макул, алып кала бериңиздер, - деп күлүп калды.

- Ой катыгүн десе, озунуп кеткен экен ээ жигиттер, ушундай сулуу кызды койбой калсын.

- Мейли айланайын бактылуу болгула, алдагы, сен дагы бизге окшогон ата-эненин балдарысыңар, - дешип чай алып келип куюп, - кел айланайын, - деди бири.

Адинай ушул учурда ыйлап отурган, ал Эрматка таарынып отурду: "Неге алдын ала айтып койбойт, мени алдагысы келгенин кара, тойдон кийин алып кетем дебеди беле?" деп ыйлап отуруп: "Мен жиндимин ээ, качан, ким тойдон кийин алып кетчү эле, тойдон мурун үйлөнөт да чын эле", деп кайра өзүнө күлкүсү келип бетин басып калды. Женя ал күнү калып конок болуп Эрматтын достору менен отуруп эртеси кетти. Кээде убакыттын өтмөгү тозок, кээде эмне болуп, кантип өткөнүн сезбей да калат эмеспизби? Женяга той күнү келээр күн узактай сезилип курбусуна жете албай жатты, жатаканада жалгыз зеригип сыртка чыкты. Өзүнчө ойго батып, ары-бери басып жүргөндө Хазар келип калды.

- Сулуу кыз, кандай? - Жылмая басып келип колундагы бир тал гүлдү сунуп жүзүнөн аста өөп койду, - Сизди көрүүгө куштар болдум, сулуу кыз!

- Жаңылышып калам деп ойлобойсузбу?

- Жо-ок, мен баарын алдын-ала билем, мен сени көргүм келди сулуу кыз.

- Сүйүүдөн тажап бүткөм, угайын деген кулак жок! - Женя терс бурула бергенде Хазар колунан кармай калды:

- Токтой турсаңыз Женя, бир азга эле…

- Убактым жок, сүйлөшчү сөз бүттү!

- Кантип, биз жаңы гана жолукпадыкпы, али жакшылап сүйлөшө элекпиз.

- Менимче сүйлөшүп бүткөндөй болдук эле го?

- Жо-ок алтышка, мен али сөзүмдү бүтө элекмин, - Женяны колдорунан кармалай өөп машинасын көздөй жетеледи, - Жүрү бир жакшы жерге барып суусундук ичип, эс алып отуралы, - деп жооп күтпөй эле машинага отургузуп жатканда Ырысбектин машинасы токтоп калды.

Женя селдээ алмак-салмак карап турганда Ырысбек келип:

- Женя, сени менен сүйлөшчү сөз бар! - деди.

- А менин сени менен сүйлөшө турган сөзүм бүткөн! - Женя ага өчөшө машинага отуруп, - Айдай бериңиз! - деди эле Ырысбек машинанын алдына тура калды.

- Түш деп жатам!

- Жок, айдай бериңиз! - Женя Хазарга ачуулангандай сүйлөдү, - Ал менин эч кимим эмес!

Ошондо Ырысбек машинанын каалгасына жетип келип ачып Женяны ийинден тарта түртүп түшүрдү да:

- Мен сага айттым беле үйлөнөм деп?! Айтпадым беле?! Эмнеге көрүнгөн менен жүрүп атасың, же тойбой калдыңбы?! - деп жаакка чаап жиберди.

Женянын көздөрүнөн чаар чымын уча ызаланып аны көзүнүн огу болсо атып ийчүдөй болуп:

- Эмнени айттың эле, аялымды жиберип эптеп кутулайын деппи? Баары түшүнүктүү, аялыңдын мага айткан сөздөрү жетет, сен үчүн эмне деген сөздөрдү угуп уугуп отурам, эми сен мени кордогуң келип турабы? Ме, керек болсо кескилеп өлтүрүп сал! Дагы эмне керек сага? Мага жашоо бересиңби же өлүм бересиңби, азыр бүтүр! - деп төшүн тосо аны түрткүлөдү, - Кана, дагы эмне кылайын деген оюң бар?

- Эмне деп жатасың Женя, аялым сага качан келди эле? - Ырысбек Женяны эки карыдан ала жүзүнө тигиле карады, - Анын келгени чынбы?

- Өзүнөн сура, эмне дегенин өзү айтсын! Баланын чыпалагына зыян келтире турган болсо, аялыңды өз колум менен өлтүрөм. Болду, азыр бар да баарын бүтүрүп анан кел! - деп бөлмөсүн көздөй жөнөгөндө Ырысбек эчтеке дей албай машинасын көздөй башын шылкыйта кетип баратты.

Хазар үн дебей отура берди.

"Баары бүттү! Бүттү, мен эми Женяга сүйлөгөнгө акым жок, кандай жүрсө ошондой жүрсүн, чын эле анын жаштыгын мен өз билгенимдей пайдаландым, бул дагы эркиндикте сүйүп, сүйдүрүп жашоого акылуу, татыктуу" деп Ырысбек машинасын жылдырып жөнөп кеткенден кийин Хазар Женяга барды. Ал ыйлап отурган. Эч нерсе сурабастан акырын колтуктай алып чыгып, жанына отургузду. Женянын бир нерсе демек болгонун билип сүйлөтө койбоду, зыпылдаган жеңил машина чоң жолдо кетип жатты. Женя ыйын токтото өзүн колго алды да:

- Мени өз жайыма коюңузчу, менин эки балам бар, сизге мен тең эмесмин! - деп жиберди.

- Түшүнөм, талашка түшкөн кыз жагат мага, демек баары мага түшүнүктүү, - Хазар ага карап көзүн кыса жылмайып ийинге таптады, - Эч кысынба, менин да аялым бар, бул жерде бизнес менен келгемин, эгер макул десең үй алып берем да, сени менен жашайм.

- Кызык, аялыңыз угуп калса эмне болот? - Женя ага таңгала карады.

- Эч нерсе дебейт, анда баары бар, мен жөнөтөм, кыскасы ал өз жашоосу менен.

- А мени менен…

- Кадимкидей эле никелешебиз, закондуу аялым болосуң, сенде да баары болот.

- Ата-энем укса кантет?

- Ата-энеңе чогуу барабыз, - Аңгыча Хазар машинасын кыйч эттире чоң имараттын жанына токтотту.

Хазар өзү түшүп келип Женяны колдон ала колтуктап имаратты көздөй басты. Экөө бешинчи кабатка жеткенде оң жактагы эшикти ачып колун көкүрөгүнө ала, - Мархамат, кириңиз үйгө, - деди Хазар.

- Рахмат, - Женя жылмайып коюп жүрөгү лакылдай босогону аттай берип оозу ачылды: үйдүн ичи шумдук, мебелдерге, килемдерге, чет элдик кооз буюмдарга толгон, бурчта чо-оң телевизор, Женя андай телевизорду көргөн да эмес, таңгалып үйдүн ортосуна келип токтоп калды.

- Эмне болду Женя? Өт аркы үйгө, экөөбүз азыр тамактанып алалы, андан кийин сөздү бышыктап сүйлөшөбүз, - деп колтугунан ала ашкана жакка өттү.

Ашканасына кирген Женя ого бетер таң калып: "Укмуш жашайт тура, кыргыздар өз элинде куурап атса, буга окшогондор биздин жерде кулжебести жеп тайраңдап жашап жатканын кара" деп ойлонуп, ичинен Хазарды жек көрүп кетти: "Ырысбек кандай жашайт болду экен? Кычырайт эле кычырайт, жашоосу кандай экенин көрбөдүм" деп кабагын чытый стулга отурду. Хазар муздаткычтан куурулган тооктун этин, жер-жемиштерди, лимондорду алып коюп, импорт винону ортого алып келди да рюмкаларга куюп бирин Женяга карматты:

- Мен ичпейм, - Женя тартына карап рюмканы ары жылдырды.

- Ичпегениңди билем, таанышканыбыз үчүн аздан ууртап койсо болот, анан экөөбүз бийлейбиз, - Хазар кайра рюмканы ага карматып шыңгыр эткен хрусталдын үнү үйгө жаңыра түштү.

- Мен ичпей эле койойунчу, иччү эмес элем…

- Жо-ок болбойт, Женечка! - деп анан ага кайрылды, - Женя, өз атың эле Женябы?

- Жазгүл, кыздар эле Женя деп жүрүп Женя болуп калдым, - Женя жылмайып койду, - Эмне, сизге жаккан жокпу?

- Жагат дечи, бирок кыргыздын кыздарынан мындай атты укпаганга таңгалып, метис ко деп ойлогом, - Жылмая карады.

- Кыргыз элемин, - Женя да күлүп койду.

Винодон аз-аздап алып отуруп, анан Хазар музыка койду.

- Сизди бийге чакырсам кандай болот, бийкеч? - Хазар ага ийиле колун сунду.

Женя ордунан туруп аны менен бийлеп жатты. Хазар аны жеңил гана көпөлөктөй алып жүрдү, көптөн кийин кайра столго отуруп жаңы винону ачып ичип отурушту, калганын Женя билбейт, түн ортосунда ойгонсо башы ооруп тили оозуна батпай суусап калыптыр. Жанында Хазар эч нерсе сезбей уктап жатат. Акырын туруп ашканага кирип суу ичти да: "Уят болгон турбайынбы, эми уктап атканда кетип калайын", деп акырын шырп алдырбай кийинип атканда Хазар көзүн ачпай колу менен ал жаткан жакты сыйпалап келип таппай калганда тура калып:

- Ой, сен кайда таң атпай? - деп сурады уйкулуу көзүн күлүңдөтө.

- Кетейин, мен мас болуп калыптырмын, кечириңиз, уят болдум го? - деди Женя күнөөлүүдөй.

- Эч нерсе эмес, андайлар боло берет, мен сени кетирбейм, демек эми жакшылап сүйлөшөлү, - Хазар туруп кийинди, анан Женяны өөп, - сен жуунуп чык, мен сага тамак даярдайын, - деди душту көрсөтө.

Женя дагы үндөбөй душка кирип ырахаттана жуунуп сергий түштү. Ооруп турган башы басыла кийинип жатып: "Эртең Адинайдын туулган күнү, бүгүн кийим тандашып коюшум керек, анан өзүмө да көйнөк алсам болот эле" деп ваннадан чыкканда Хазар аны тосуп алып ашканага алып жөнөдү. Экөө тамактанып отуруп анан сөзгө өтүштү.

- Жазгүл, мен сага үйлөнөм, кандай шарт койсоң баарына мен макулмун, - Хазар Женяны суроолуу карады.

- Мен ойлонушум керек, эртең курбумдун үйлөнүү тою, бүгүн сөзсүз ага барышым керек.

- Ага макул, мен да кошо барам, андан көрө бүгүн сени базарга алып барып өзүм кийинтип келейин, макулбу?

- Жок, жок, өзүм эле, тим эле коюңуз, өзүмдүн деле…

- Андай болбойт, экөөбүз барабыз, - Хазар аны ой-бойуна койбой кучактап көпкө күзгүдөн карап турду.

- Сендей сулуу кыз эч жерде иштебей гана үйдө отуруш керек!

Женя үнсүз анын кучагында термеле ойго батты: "Ырас эле бир келген бакытты колдон чыгарып эмне кылам? Ата-энеме да жардам берип баламды колума алып алам, эки баланы жашырынып төрөп Ырысбектен жыргаганым кана? Жаштыгымдын жалбырактай дирилдеген назик кыялдуу өмүрүмдү жакшы өткөрүп жашап калайын" деп ага макул болгондон башка аргасы жок экенин түшүндү.

Хазар экөө таң аткандан кийин базарга келди. Хазар аны адегенде салонго алып кирип чачын жасатты, андан дүкөнгө кирип кымбат баалуу кийим-кечек сатып алышты да үйүнө келип кийгизип машинасына салып Адинайга жөнөдү. Аны жеткирип коюп Хазар кайра кетти. Адинай менен Эрмат аны күтүп жатышкан экен.

- Ой-ий Женя, сен тим эле чүрөк болуп калгансың го? - Адинай ага суктана кучакташып өбүшүп атып кулагына, - Ырысбек үйлөнүүгө макул болдубу? - деп шыбырай сурап койду.

- Жо-ок, баягы түрктү билесиңби?

- Ооба, эмне ал сага үйлөнмөк болдубу?

- Үйлөнөм деп болбой атат, биерге ошол жеткирип келди.

- Азамат, крутой неме экен, кармап ала бер! - деп экөө шыбыраша үйгө киришти.

Дасторкондо баары жайнайт, эмне гана жок! Эрматтын ата-энеси Женяны жакшы кабыл алып конок бөлмөдөн сыйлап, анан Эрмат болуп машинага отуруп Адинайга көйнөк алмакка жөнөдү. Адинайга көйнөктү тандап алгандан кийин Эрмат шакегин алды, андан чыгып салонго киришти. Чачын жасатып үйгө келгенден кийин куда-кудагыйлар келип ал күнү тойго камылга кызуу жүрүп жатты. Экинчи күнү үйүнө барып андан тоого чыгып келишти, кудаларын үйдөн тосуп той уланып, Адинайдын ата-энесинин алдына элүү миң сом коюп кыргыздын ырымын жасап, дүңгүрөтө той берип, жаштар ырдап-чордоп үч күнү-түнү менен ойун-зоок болду. Үчүнчү күнү кудаларын узатышты. Ата-энеси кызынын багын тилеп, жөнөп кетишти. Женя да жаштардын катарында курбусу Адинайга бак-таалай каалап бирге болуп, ал дагы кетүүгө уруксат сурады:

- Адина, мен эми кетейин, бүгүн жатаканада болом. Хазар келсе кетем, үйүңдүн телефонун берсең мен чалып турайын.

- Ооба Женя, кабарлашып туралы, - Адинай Эрматтан телефондун номерин сурап жазып чыгып ага берди, - Мына, курбум. Жакшы жүрдүк, теңтуш болуп сырдаштык, эми күйөөгө тийгенде бири-бирибизди унутпай катышып туралы.

- Ананчы, сен эле унутпасаң, мен унутпайм, - Экөө кучакташып көпкө туруп калды. Ошондо Эрмат алардын жанына келип:

- Курбулар коштошо албай жатасыңарбы? - деп күлүп калды, - Экөөңдүн бириң эркек болсоңор ажырамак эмес экенсиңер?

- Ананчы! Экөөбүз тең кыз болуп калганыбызды кара, болбосо эч качан бөлүнмөк эмеспиз, - Женя дагы тамашалай күлүп Адинайды көзүн кыса кучактап алды, - Кызганган жоксуңбу?

- Кызганганымдан айтып жатам да, менин Адинайымды болбой эле өөп жатсаң, - Эрмат каткырып калды.

- Койдум, Адинайың өзүңө эле кут болсун, - Женя колун бошотуп жолго чыкмак болду эле:

- Биз жеткирип койолу? - деп Адинай Эрматты карады.

- Дайым даярмын! - Эрмат Адинайга карап колун чыкыйына тийгизе чест берип койду, - Мен сиздин кызматыңыздамын!

Анан үчөө күлүп калышты. Эрмат машинасын айдап, жолго чыгышты. Бат эле алар жашаган жерге келгенде Женя:

- Биздин үйдөн даам сызып чыккыла! - деди.

- Жүрү Эрмат, кирип чыгалычы, пожалуйста-а? - Адинай Эрматты карап эркелей кетти, - Жашап жүргөн жер жакшы көрүнөт экен…

- Женя, - Эрмат ага көзүн кыса сүйлөдү, - Адинай үч-төрт күн мурун мени "сиз" деп сүйлөчү эле эми сен дей баштады да, эмнеге?

- Алгыча агаң болом, алгандан кийин күйөөң болом деген эркексиңер да! - Женя Адинайга карап күлдү, - Чынбы, Ади?

- Ооба да, ошентип мени коргоп койчу, мени шылдыңдап эле атат, - Адинай дагы ага арызданган өңдөнүп эркелей сүйлөдү, - Эрим болооруңду билсем көргөндө эле "сенден" баштамакмын!

Үчөө тең күлүп калышты. Эрмат үндөбөй сыртка чыгып кетти, Адинай менен Женя бири-бирин караган бойдон ийиндерин куушура туруп калышты.

- Адинай, жакында мен дагы бул үйдөн кетем го? - Женя ойлуу кроватка отуруп жатып айтты, - Буйруса мен дагы жашоомду өзгөртөм. Тажап кеттим Ырысбектин куру убадасынан, - деп, жооп күткөндөй Адинайды карады.

- Баягыдан кийин келбей калдыбы ал?

- Кайдан! Хазар мени болбой машинасына отургузуп атканда келип калыптыр, мен анын көзүнө бузулган аялдай көрүндүм го, жөн эле жинденип жаакка чаап жибербедиби! - Женя Адинайга баарын айтып берди, - Ырысбекке ишенип жүрүп жашыруун эки бала төрөп, алардын жүзүн көрүүгө, үнүн угууга зар болуп отурам, Адинай. Мен дагы бирөөгө сүйүктүү жар, мээримдүү эне болгум келет, качанкыга чейин эле анын бал тилине алданып жүрө берем?! Ага өчөшүп Хазар менен кетем, сөзсүз кетем, Адинай!

- Туура кыласың, андай неме сага куру убададан башка эч нерсе кылып бере албайт, ал чечкинсиз тура, өзүнүн күнүмдүк жыргалын ойлоп сенин келечегиң менен иши да болгон жок.

- Мен ага ишенип, жок дегенде баламдын жанында болом деп ойлосом, өмүр бою эле каалганын сыртындагы аялы болуп жүрө албайм да?

- Түшүнүп турам, сен бактылуу болууга тийишсиң Женя, бактылуу болосуң, көрөсүң го, ошондой бактыга татыктуусуң!

Ошол убакта Эрмат кирип келди, эки колунда эки пакет:

- Кыздар, зерикпей эле отурасыңарбы, бир аз кечигип калдым, мүмкүн болсо бир сюрпризди көрөлүбү же столго тамакты жайып отура берелиби? - Эрмат экөөнө сырдуу жылмайып койду.

- Сюрпризди көрөлү?

- Туура, сюрпризди көргөн жакшы го? - дегенде Эрмат эшикти ача берди эле босогодо эки чоң букетти кармаган адамдын бут жагы эле көрүндү. Аны кыздар: "Эрмат экөөбүзгө атайын гүл апкелген экен" деп ойлоп ийишти. Бир кезде ал адам Адинайдын жанына келип:

- Куттуктайм, үйлөнүү тоюңар кут болсун! - деп гүлдү Адинайга ийиле суна бергенде Хазар экенин көрүп экөө тең күлүп жиберди. Андан кийин экинчи гүлдү оң колуна кармай, бир тизесин жерге тийгизе чөгөлөй колун төшүнө койо, - Тартуумду кабыл алып коюңуз, жүрөгүмдөн чыккан жалындуу сөзүм менен! - деди эле, Женя бактылуу жылмая анын колундагы гүлдү алып жатып, бала кезде окуган жомоктогудай окуяны түшүм эмеспи дегендей эки жагын карана селт этип алды да, кайра өзүнө келип:

- Рахмат! - дегенде ал колунан өөп койду.

- Рахмат сизге! - Адинай дагы ыраазы боло күлө карады.

Ушул мүнөттөр негедир узарып кеткендей, Эрмат кыздардын ушунчалык жакшы нерсеге абдаарып каларына таңгалып тажаганда:

- Кыздар, эмесе дасторконго карасак кантет? - деп аларга карап ызаат кыла стулдарга колун жаңсай кетти, - кана эмесе кыздар, урматтуу конок, бүгүнкү салтанаттуу кечебиз ачык деп жарыялайм! - дегенде Адинай менен Женя күлүп ийди.

- Туура!

- Жакшы болот!

- Ай укмуш ай, ушул бөлмөдө дагы салтанаттуу кече, абдан кызыктуу күндү өткөрсө болот тура! - Женя аларга кубанычтуу карап, Эрматты кубаттады, - менин эң жакын, урматтуу аяшым Эрмат, ушул биздин кичинекей бөлмөдө кандай гана сырлар катылбады дейсиң! Бизден мурун, кийин дагы нечен жаштар келип жашашат. Жаштык бар жерде сырдуу күндөр, табышмактуу келечектер ар дайым болот экен. Кыскасын айтсам, ушул бөлмөбүзгө келип чоң салтанатты баштаганыңар үчүн ыраазымын!

- Ананчы, силердин жакшынакай жүзүңөрдү ушул үйдөн таап отурабыз, ошондуктан бул бөлмө ыйык бөлмө, сүйүүлөрдүн уюткусу!

Женя толкунданып отурду. Эрмат импорт винону бузуп төрт стаканга куюп алдыларына койду. Анан Хазарга карады:

- Сөз сизде, Хазар аке, сүйлөп коюңуз!

- Аа-а жакшы, - Хазар колуна стаканды алып, ушул кичинекей бөлмөдөгү чакан столдун тегерегинде отургандарды карай ордунан туруп:

- Эмесе Эрмат, Адинай, силердин турмуш жолундагы алгачкы кадамыңар байсалдуу болсун, өмүрүңөр узун, келечегиңер кең болуп, келечекте самаган максатыңарга жетип бактылуу жубайлардан болгула, - Хазар Женяны карай күлүмсүрөй, - Биздин Жазгүлдүн келечек жолу жакшы болуп, тилегине жетсин, баарыңарга денсоолук каалайм! - Колундагыны алып жиберди.

- Рахмат, айтканыңыз келсин! - Эрмат ыраазы боло алып ийди.

- Айтканыңыз келсин.

- Рахмат! - Кыздар дагы жүрөгүнөн ыраазылык билдире алып ийишти.

Көпкө кызуу сүйлөшүп отурушту. Адинай менен Эрмек кетмек болуп камынып калганда Женя:

- Адинай, - Ары барып өз кийимин салган сумкасынан аппак жоолук менен бир эркек көйнөк алып келди, - Ушул үйдөн таанышып бирге жүрүп, сырдашып, сындашып бир кеседен аш ичтик эле, мен сени узатканым болсун, курбум, ар дайым башыңдан ак жоолук түшпөй, алганың менен тең карып, ата-бабалардын жолун жолдоп ак жолтой келин, андан кийин ак чач байбиче болуп бакыттын төрүндө балкып, чоң-эне, чоң-ата деген бийик чокуга чыккыла, ар дайым жүзүңөрдөн жылмаю кетпесин! - деп ак жоолукту курбусунун башына салганда Адинай ага ыраазы боло кубанычынан көзүнө жаш ала бекем кучактап алып ыйлап ийди:

- Ыраазымын курбум, өзүң дагы өмүрдө өксүбөй эмнени кааласаң баары кабыл болуп тилеген тилегиңе жет, сенин пейилиңе ыраазымын! - Экөө кучакташып анан аларды узатмак болуп эшикке чыга бермек болгондо каалга ачылып Ырысбек кирип келди.

Бири-бирин карап туруп калышканда Ырысбек өйдө өтүп барып Хазарды бир карап койду да:

- Той болуп жаткан го, эгер жашыруун болбосо билсем болоор бекен? - деди кычырай Женя менен Хазарды алмак-салмак карап.

- Ачыгын билгиң келсе менин, биздин тоюбуз, даам ооз тий! - Женя андан куру калбай маңдайына тикелеше калды, - Тойго куш канатын салып өткөн имиш, жигиттин жигити болсоң жакшы тилегиңди, каалооңду айтаарсың?!

- Аа-аа, ошондойбу? - Ырысбек эмне кылаарын билбей ары-бери баса жаактарын кармалай ойлуу токтой калды да, столдо турган чыныга өзү толтура винодон куюп туруп, - Бактылуу бол, бийкеч! - деп дем албай жутуп ийип көзүн жумуп бир азга туруп калды да, - жаңылып калгандан корккон жоксуңбу? - деди саал кытмыр жылмая.

- Биринчи жолу жаңылгам, эми жаңылган жокмун, өз теңимди таптым деп ойлойм! - Женя ага атайын өчөшүп сүйлөп жатканын тигилер сезип эле турду, бирок бири да унчуккан жок, - Биздин тынчыбызды алып жатасың, эгер жигит болсоң тоскоол болбо мындан ары!

- Болуптур, мен кетейин, дагы жолугаарбыз… - Ырысбек эшикке чыгып баратып Женяны бир карап алды да чыгып кетти.

Ал чыгып кеткенден кийин Адинай:

- Укмуш ай, тынчыттың го жөн эле? - деди күлө.

- Туура болду, өзү ошондой сөзгө татыктуудур да, өз күнөөсүн сезген адам унчуга албайт, - Эрмат сөзгө кошулду.

- Азамат Жазгүл, деги кыз эмес эркек болсоң болмок экен, - Хазар Женяны далыга таптай белден ала кысып койду, - Бир көрүп жактырганда жаңылган эмес экемин!

- Адинай, силерди узатып анан Хазарды жөнөтөйүн, башым ооруп чыкты, - Женя кабак чытый аларга карады.

- Жок-жок Женя, мен сунуш киргизгим келип турат, азыр үчөөң тең менин үйүмдө конок болосуңар, чогуу кетебиз.

- Үйдөгүлөр күтүп калышат го? - Эрмат менен Адинай бири-бирин карады.

- Азыр силер үйлөнүү саякатында жүрөсүңөр да, кыскасы, бал айы дегендей, үйдөн телефон чалып койобуз, үйдө телефон барбы?

- Бар, бар! - Эрмат шаша жооп берди.

- Эң сонун, мен силердин көзүңөрчө Жазгүлдү кийим-кечеси менен биротоло алып кетем, кыскасы, биз үйлөнөбүз, - деп Женяны ой-бойуна койбой сумкаларын көтөрүп чыгып баратып, - Бөлмөнү ачык эле коюп кой, ээси келсе издеп калат, ал эми калган буюмду эсиңе алба, кеттик! - деп алдыга жөнөдү.

Үчөө үн дебей Хазардын чечимине каршы экенин же макул экенин ачык айталбай артынан чыгышты. Адам көңүлү гүл деп койот эмеспи, Эрмат деле өз абалына кычырай Адинайды колдон алып кетип калат беле, чын пейилинен айтып жаткан Хазардын көңүлүн кыя алышпады. Женя мындай чечимди күтпөгөн, ал өзүнчө сарсанаа болуп жатты: "Менин тоюм деп мунун көзүнчө бекер айттым окшойт, эркектин эркегисиңби деген сөз буга катуу тийген жокпу, ойлонойун дебедим беле?" деп унчукпай ээрчише сыртка чыкканда Хазар аны жанына отургузду өзү колдон ала, анан Эрматка карады:

- Менин артымдан жүрө бергиле, коноктор! - деп машинасын ордунан жылдырды.

Бул учурда Ырысбек далдоо жерде аларды карап турган, кетип жатканын көрүп рулга башын уруп алды да:

- Мага чала, өзүмдөн кетти, мен муну кетпейт деп ойлободум беле?! Өмүр бою, ал тургай убакыт жеткенде өзүмдүк кылам деп жүрүп кечигип калдым, болду эми, бүттү! - деп машинасын катуу айдап артына бурулду да жөнөп кетти.

Хазар конокторун үйүнө конок бөлмөсүнө киргизип стол үстүн жайнатып коюп чын пейилинен сыйлоого өттү.

- Мен силерди, Жазгүлдү жолуктурганыма абдан кубанычтамын! Беш жылдан бери Кыргызстанда жашап жүрүп өзүмө жакканы, жакпаганы да болду, бирок Жазгүлдү көргөндөн бери мен чыныгы сүйүүмө жолуккандай болдум, - Хазар ордунан туруп Женяны колтуктай башка бөлмөгө алып кетти да заматта аны гүлдөй жасантып, укмуштуудай шуудураган көйнөктү жер чийдире кийгизип колтуктап кайра киргенде Адинай көздөрүн жайната:

- Курбум, жөн эле принцесса болуп калдың го! Эгер жолдон капысынан жолуксаң тааныбай калмакмын, бактылуу бол, ылайым бактыңдан кемибе! - деп тура калып кучактап экөө тегеренип бийлеп киришти.

- Келгиле кыздар, эми тамакка карайлы, - Хазар ал экөөнү жылмая карап орундукка отурушун суранды, - Буйруса саякатты чогуу өткөрөбүз!

- Туура Хазар аке, чогуу өткөрөлү, "ынтымак бар жерде ырыс бар" деп биздин ата-бабаларыбыз айтчу экен, ынтымак болсо бизде баары болот! - Эрмат дагы ыраазы болуп турду.

Женяга кынап атайы жасагандай тигилген көйнөгү баарына жагып, өзүнө куп жарашып турду.

- Кана эмесе биздин принцессалар, экөөңөрдүн бактыңар, тагдырыңар биздин бактыбыз, тагдырыбыз, ошон үчүн алып койолу! - Хазар хрусталь рюмкаларга винодон куюп ар бирине карматып анан, - эч качан Жазгүлдүн көңүлүн оорутпайм, суранычын, тапшырмасын так аткарам деп убада беремин! - деп Хазар Женяны кучактап бетинен өөп коюп, - Келгиле бакыт үчүн алып жиберели! Бакыт дегенди издесең таппайбыз, достор, бирок келген бакытты кармап калуу керек! - деди да алып ийип, дагы Женяны өөп көпкө турду.

Женянын жүзү албыра ушул кез өзүн асманда каалгып учуп жүргөн ак куу сымал сезди, уктаса түшүнө кирбегендей окуянын болуп жатканына бир ишенсе, бир ишенбей махабат жүрөгүнөн уялабаса да, берилип өз көңүлү менен сүйбөсө да жарыкчылыкта өзүнө бир берилген бакыттан кур калгысы келбей: "сүйүүдөн ким жыргаптыр, көңүлүң тынч, баары бар болсо ушул бакыт эмеспи, 'өзүң сүйгөнгө эмес, өзүңдү сүйгөнгө жет' деген сөздүн чындыгы бардыр, мен эми Хазардын эркиндемин" деп ой учугунун түбүнө жете албай жанындагылардын сөздөрү кулагына бир кирсе, бир кирбей кубанычтан жүрөгү лакылдап көздөрү жайнап турду.

- Кана эмесе, - Эрмат ушул ирээт өз тилегин айтып кубанычтын кучагында балкыган Женяга бурулду, - Женя, ушул бүгүнкү Хазар аке экөөңөрдүн бактылуу мүнөтүңөр менен куттуктайм, ар дайым жакшылык менен өмүрүңөрдө өксүк дегенди билбей, бактылуу болуп ынтымактуу жашагыла, тилегиңер ишке ашып, уул-кыздын ата-энеси болгула! Кана алып жиберели, дүйнөдө жүрөк толкуткан сүйүү үчүн, көңүл көтөргөн, сезим ойготкон, урагыс сүйүү үчүн алалы!

- Ырахмат, Эрмат, сүйүүнүн кылымдарды карыткан аруулугу, тазалыгы үчүн, эки адамды бири-бирине жипсиз байлап, жалындаган от болуп, жүрөктөрдү толкуткан аруу махабат үчүн алалы! - Хазар да ага кошула рюмканы көтөрдү.

- Ошол аруу махабатын, жүрөктөн чыккан таза сүйүүсүн арнап кыз жүрөгүн уурдаган жигиттер үчүн алабыз, - Адинай Женяга карап көзүн кысып койду.

- Махабатын тартуулап, сүйүүсү менен бирге жүрөгүн кош колдоп сунуп кыз кадырына жеткен жигиттер үчүн! - Женя ага карап жылмайып колундагы рюмканы көтөрдү.

Төртөө тең кагыштыра алып жиберди. Айтылбаган сөздөр калган жок, жомоктогудай үлпөт болуп жатты. Сыбызгыган музыканын ыргагында эки-экиден бийлешип, бактылуу шыңгыр күлкү коштоп үй ичи көк жашыл жарык менен үлпүлдөй кооз көрүнүп өздөрүн тээ эчак өткөн кылымдардагы хан сарайда жүргөндөй каалгышат. Алар түнү бою уктаган жок, жагымдуу чет элдик шарап, шаңдуу музыка, көңүл эргиткен жаштыктын кайталангыс, алтынга алмашкыс мүнөттөрү алардын уйкусун келтире койбоду. Таң сүрө чарчагандай абалга келгенде Адинай менен Женя душка түшүп сергип алышты. Таң атпай Хазардын эшиги такылдап, ача койсо бир кызматчы гриль менен суусундук, сухой вино, дагы толгон тамак ашты киргизип кетти. Кайрадан столдо бакылдашып отуруп анан Эрмат менен Адинай өтө ыраазычылыктарын билдирип жөнөмөй болушту. Келээрки жумада төртөө бирге саякатка бармак болуп коштошушту. Хазар менен Женя экөө жалгыз калды:

- Жазгүл, менин сунушума каршы эмессиңби? - деди Хазар Женяны аста кучактай жүзүнөн сүйүп.

- Өтө бат чечилген иштин арты кандай болоор экен, кө-өп ойлонуп бир кесиш керек эле…

- Эгер сен менин чечимиме каршы болбосоң баары жайында болот, кана үйлөнүүгө макулсуңбу?

- Хазар, сенин үйбүлөң болсо, мен мында саргайып кала берсем…

- Ха-ха-ха! - Хазар каткырып жатты, - Жазгүл, мен сени алдаганмын, менин аялым жок, сен менин аялым болосуң, келээрки жылы келишим бүтсө мен сени алып өз жериме кетем, эгер иш башкага уланса дагы калып иштейм, - Женяны кучактап алып өпкүлөп кирди, - Менин ата-энем кыргызга үйлөнсөң үйлөнө бер деп уруксаат берген.

- Эмне-е? - Женя аны түртө бойун ала качып, - Сен… сен мени эмитен алдасаң кийин кандай болот? Же мени бир кыргыздын жапайысы деп мазактагың келип турабы? - Женя ызалуу аны карабай көйнөктү чечип таштап өзүнүкүн кийди да чыгып кетмек болгондо Хазар тизелей туруп колун бооруна ала:

- Кечир Жазгүл, мен сени тамашалайм деп осолдук кылдым, эгерде менин суранычымды кабыл ала албасаң ачык айт, таарыныч жазылат, бирок жүрөктө жылуулук болбосо ал өмүр бою муздак бойдон калат, кечирип кой! -деди.

- Хазар! - Женя андан өтүп кете албай көзүнүн жашын колдору менен аарчый туруп калды.

Хазар дароо ордунан тура калып Женяны колуна көтөрүп диванга алып барды.

- Жазгүл, жүрөгүмө чок салып, жандүйнөмдү бүт ээлеп алдың, эми мен сенден ажырабайм, эртең сүрөткө түшүп ата-энеме салып жиберем! - дегенде Женя унчукпай калды, Хазардын эркине көнүп берди.

Ал күнү кечке экөө жатак бөлмөдө жатты, экинчи күнү Хазар экөө сүрөткө түштү. Анан мечитке барып нике кыйдырып келип төртөө дагы бир тойлошту.

Женя ээн боло калганда:

- Адинай, Хазар мени өз жерине алып кетем дейт, болгондо да бал айын силерди үйүнө чакырып ошол жакта өткөрөлү деп жатат, силер каршы болбойсуңарбы? - деп кубанычын жашыра албай айтып отурду.

- Жо-ок Женя, биз сөзсүз барабыз, Түркияны көрүп келгендин эмнеси жаман? Эрмат Хазарга абдан ыраазы, ал турсун достошом деп атат!

- Эң сонун, мен да ошону ойлоп жаткан элем курбум, мен бактылуумун, сенин артыңдан мага бакыт кушу өзү келип конду Адинай, эгер Эрмат мени кошуп албаса мен Хазарга жолукмак эмесмин.

- Андай деле эмес курбум, бул сенин пешенең, - Адинай аны кучактап, Женя анын этегине башын коюп көпкө отурушту.

Хазар менен Эрмат достошуп кыяматка чейин кыйышпас болуп бири-бирине ант берип, Хазар аларды жакшылап коноктоду. Экөө бизнестерин өнүктүрүү үчүн пикир алышты.

Бирөөлөр бул жашоонун кызыгына батып, өмүрдүн кайталангыс күндөрүн ой-санаасыз өткөрүп жатканда, дагы бирөөлөр санаанын сазына белчесинен батып жашоонун кызыгы бир бүркүмгө татыбай күлгүн өмүрүн арман менен кечкен пенделер бир мезгилде өтө берет эмеспи. Бул кезде Ырысбек ичип алып үйүнө күндө чыр салып, аялын жүндөй сабаган күндөрү болду. Аялын көрсө жин көргөндөй буулугуп чыгат:

- Эй энеңди, элдин катындары кетип калат экен, сен менден эмне күтүп жүрөсүң ыя? - деп кирет сырттан киргенде эле темтеңдей басып. - Сен менин тагдырымды талкаладың, эмнеге ага бардың, акма-ак?!

- Ырысбек, эс алчы, балдардын жүрөгүн түшүрөсүң, карачы балдар коркуп атат, - Зейнеп акырын сүйлөп Ырысбекти тынчтандырмак болду эле, ал аны түртүп жиберди.

- Балаңды урдум сени, балаң менен мени биротоло имерип алмаксыңбы ыя?

- Ырысбек, болдучу эми, эл укса эмне дейт, уулуң чоңоюп калды, аларга жаман көрүнбөчү, - Зейнеп Женя төрөгөн баланы анын жанына алып келди, - Базарбек ыйлап жатат, карачы аны!

Ырысбек аны карап бир азга унчукпай калат да башын мыкчый, бакырып:

- Жого-ол азыр, баланы коюп кой жаныма! - дегенде Зейнеп чыгып кетти. Ырысбек Базарбекти кучактап алып бир топко ыйлап өөп, - Кетти, энең бир түрк менен кетти, ал эми кайрылбайт, сен менин үмүтүм элең, - деп кайра эле, - Зейне-еп, энеңди урайын катын болгон, эр коруганды сага ким койду я?! Эмнеңе жетпейт: алтын десе алтын, кийим десе кийимиң бар, деги менде эмнең бар, мени тынч коюп кетип калчы! - деп бакырганда Базарбек да бакырып ийди.

Үч жашар бала эмнени түшүнмөк эле:

- Апа-а! - деп бакырганда Зейнеп да өчөшө унчукпай отуруп алды: "Өлүп кетпейсиңби?! Ушунун энеси пайда болгондон бери жашообуз бузулду" деп ойлоп аны жек көрүп кетти. Ырысбек болсо ойунда баланы жакшылап баксам кайда бармак эле, акыры ат айланып казыгын табат дегендей акылына келээр деп жүргөн. Женянын Хазар менен кеткенине көзү жеткенден бери көзү ачылбай ичип, оорукчан аялынын абалына карабай күндө жаңжал чыгарып сабап да койчу болду. Зейнептин жүрөгү күндө кармап, дарынын күчү менен жашай турган болуп калды. Анын абалын билгиси, сезгиси жок, "Женяны ушул гана кетирди, кызганганды көрсөтөм!" деп өзүнүн ичкиликке берилип баратканын туйбады. Эртең менен соолукканда Зейнеп ага ыйлап отуруп:

- Ырысбек, кебетеңди карачы, бир аял деп өзүңдү-өзүң кыйнап жатасың, жоголуп баратасың, ушунуң жакшыбы? - дегенде үндөбөй чыгып кетет.

Кайрадан ыр-чыр, уруш-талаш. Улуу баласы он үчтө. Ырысбек үч баласын ата-энесиникине жөнөтмөк болду эле, Зейнеп ага каршы чыкса сөгүнүп койо берди:

- Же өзүң кетпейсиң, же балдарды чоң аталарына жөнөтпөйсүң! Базарбек үйдө калсын, үчөөнү каникулга жөнөтөм! - деп өзү айылга алып барып келди.

Зейнеп Базарбекти жек көрүп турса да аргасыз: "Балким үчөөбүз калсак имерилип калаар, балдар чоңоюп калганга жолой албай кыжаалат болуп жүргөндүр" деген ойдо ал келгенче салонго барып чачын жасатып, өзүн тартипке келтирип, мончого түшүп алынын келишинче жасанып атырдын жыттуусун себинип күзгүнүн алдында отурганда Базарбек жанына келип: "Апа, апа, чай ичем" деп түрткүлөгөндө аны чаап жиберди:

- Барчы ары, балакет ичкир!

- Апа-а! - Базарбек чаңырып ыйлап ийди.

- Өлүп кет, өлүгүңдү көрөйүн ар-рам сийдик таштанды! - Зейнеп баланы ийнинен кармай ары түртүп ийип сырткы бөлмөгө чыгып кетти.

Базарбек бакырып ыйлай берди. Кайра келип чыныга муздак чай куюп баланын оозуна кармады:

- Ме ич, энеңдин канын ичкир, шуркуядан туулган өлүксүз арам сийдик, өз канымдан жаралган баладай баксам да жакпадым, балакетимди алгыр! - деп какап-чакап жатканына карабай оозуна чыныны такай берди. Акыры Базарбек:

- Бойду, ичпейм, бойду! - десе да болбой кийимине төгүлгөн чайды карабай улам муздак чайды аябай ичирип атты. Анан өчөшкөндөй айкырып кирди:

- Өлгөнү калган го кара баш-шыңды жегир, ылайым эле шуркуя энеңдин өлгөнүн уксам табам канат эле, турчу жалаңкычтай болуп жинимди келтирбей! - деп отурган жеринен тургузуп жонго бир чапканда Базарбек көмкөрөсүнөн жыгылып ого бетер бакырып ыйлап кирди:

- Апа-а!

- Жаның чык! - Зейнеп өзүн кармай албай жетип барып чаап-чаап, - Арам сийдиктердин жаны да бекем болот! - деп колунан сүйрөй эшикке чыгарып коюп кирип күзгүгө кайра отурду. - Өх өлбөгөн шуркуя десе, мени азапка гана салды го! Убагында мени деле сүйүп-күйүп үйлөнгөн, азгырып, арбап жүрүп баласын бактырганы аз келгенсип шорго салды! - деп бетине упа сүйкөп жатканда Базарбек эшикти ачып:

- Апа, апа! - деп чулдурай кирип келди, - Апа, нан, нан жем…

- Атаны өлбөгөн жексур, өлгөнү калган го, эмне көзүңө бирдеке көрүндүбү, шүмшүк! - деп бетке чаап, түртүп ийгенде бала жыгылып түшүп чаңырып калганда сырттан кызымтал Ырысбек кирип келди.

- Эй акмак, балада эмне күнөө, аны эмне уруп атасың?

- Өзү жыгылып кетти, - Зейнеп аны көрүп жүрөгү түшө баланы өйдө кылмак болгондо Ырысбек аны түртүп ийип өзү өйдө кылып көтөрө койду.

Базарбек соолуктап ыйлап көздөрү шишип, үнү бүтөйүн деп калган.

- Акмак, өчүңдү ушундан алгың келдиби?! - Ырысбек Зейнепти тээп жиберди, - Шүмшүктү тапкан экенсиң, эгер мени менен жашап калам десең ушуну жакшы кара, болбосо сенин мага кылча керегиң жок! - деп ички үйгө кирип кетти.

Зейнеп үн дебей көз жашын көлдөткөн бойдон отуруп калды. Ал ичинен: "Ушул шүмшүк гана жолтоо кылып атат, бул болбосо баарын унутуп, жашообуз өз ордуна келип калат эле" деп Базарбекти ого бетер жаман көрүп жатты.

Ырысбек кайра чыгып келатканда:

- Ырысбек, мынча карайбасаң болмок, мен Базарбекти өз баламдай эле чоңойтподум беле, менин ага өгөй экеним сага эми билиндиби? Алмаз, Тариелдерди деле уруп-согуп койом, кандай билинбейт, минтип бөлө берсең баланы жаман көндүрөсүң - деди буула.

- Анча-мынча урсаң мейли, аны "шүмшүк, жексур" дегениңди укпай калды деп ойлоп атасыңбы?

- Десе дегендирмин, эмгегим, мээнетим бар!

- "Шүмшүк" дегениңди экинчи укпайын, эгер мени менен жашагың келсе балага тилиңдин заарын агытпа! - деп чыгып кетти.

Зейнеп ал кетээри менен үйгө кирип караса баласын төшөктү калың салып, жылуу жаап уктатып койгон экен. Кайра жүгүрүп эшикке чыгып Ырысбекти караса анын карааны көрүнбөйт. Өчөшкөнү ашынып, кирип барып алдындагы төшөктү силкип тартып алганда бала чоочуп бакырып ыйлап жиберди. Шашып коркуп кеткен Зейнеп аны тоголотуп түрттү да төшөктү кайра сала коюп баланы жаткырды да үстүн жаап коюп чыга бермек болуп:

- Болду укта, жат! - деп эңкейип турганда Ырысбек карап туруп:

- Сен балага өчөшүп эмне, жинди болдуңбу? - деп жетип келип жаакка чаап-чаап ийди.

Зейнептин оозу канап отура калып боздоп:

- Бу шүмшүк менин шорума келген экен го, үйдөн ынтымак кетти! - деп сүйлөй баштаганда Ырысбек аны башы-көзүнө карабай тепкилеп кирди:

- Кана сүйлөчү, эмне кылды ал сага?! Кана, анын шүмшүк экенин сен эми билдиңби?! Бүгүндөн калбай жогол, балдарга барам деп ойлобо, аларды өзүм багам, алкаш атаң экөөң аларды кор кыласыңар! - деп жетелеп оозгу бөлмөгө алып чыкты, - Эгер өлгүң келбесе кетип кал!

- Ырысбек, мен эч кайда кетпейм, балдарымдан ажыратпа, экинчи Базарбекке сүйлөбөйм! - деп бутунан кучактап ыйлап атып өзүн жоготуп койду.

Аргасы кеткен Ырысбек аны көтөрүп диванга жаткырды да, колдорун ушалап, бетине суу сээп эс алдырууга аракеттенип жатты. Зейнеп көптө барып көзүн ачканда гана:

- Эс алдыңбы? - деди.

- Өх, эс алдым, мени кыйнадың го, качан мен ушундай элем, мен ойлонуп жинди болгону калдым, тиги суурумада дары бар, берип койчу? - деди алсыз.

Ырысбек ага дарысын берип, муздак суу алып келип жанында отурду. Зейнептин үмүтү жанып: "Кайда барат эле, шуркуясын унуткуча кыйын болуп жаткан го, балдарым чоңойсо сөзсүз көзүмдү карайт" деп ойлуу мелтиреп жатып калды. Ал эс алып калгандан кийин Ырысбек ордунан туруп кетти. Бул жолу Зейнеп былк эткен жок, былк этпей жата берди, аны келет деп жатып уктап кетиптир. Үйдүн ичи караңгы, Базарбек өңгүрөп ыйлап жатыптыр. Тура калып жарыкты күйгүздү да анын жанына барса сийип коюптур. Аны көтөнгө чаап:

- Чоңоюп калбадыңбы, сийем десең боло? - деп шымын чечип которуп, өзүнүн карды ачканын сезе ашканага кирип тамак жасамак болду эле Базарбек этектеп ыйлаганынан жетелеп алып тамак жасаганга кирди: "Эми мас болуп келип дагы урушпагандай эле, ай кудай ай, эми эмне кылам? Бул шүмшүгүнүн үнүн чыгарбайын, кокус ыйлаганын укса урдуң деп шылтоолоп жүрбөсүн" деп көтөрүп алып ишин жасап жатып да балага жини келип жатты. Тамак бышып, баласы экөө ичип отурганда тарс-турс деп эшик ачылып Ырысбек кирди.

- Ээй акмак, баланы урган жоксуңбу? - Ал теңселе босогодо туруп алып ага заарын чачты.

- Койчу атасы, уулумду эмнеге урмак элем, жана жүрөгүм ооруп турганынан эле урушуп койгом, - Зейнеп Ырысбектин сырын билгендиктен ага аргасыздан жаркылдай күлүп жооп берди, - Кел эми тамак ичип ал!

- Ичпейм! - ал кайра сыртка чыгып кетти.

Зейнепте жан жок: "Балдар да жок, кокус кол көтөрсө өлгөнүн билбей ура берет, эми кантем? Кудай ай, жок дегенде өз энем болгондо кор болбой кетип калбайт белем" деп отурган жерде аралжы болоор баланы кучактап көз жашы сызылып телмирди. Ырысбектин ичкенде бир адаты кирип-чыгып үйгө отурбай же жатпай бир шылтоо издемейи бар. Азыр да ал улам кирип, кайра чыга берди. Таштай катып мелтиреген Зейнептин көз алдына бала кези тартыла үнсүз апасын эстеп алды:

Зейнептин өз ата-энеси бар, аны атасынын бир тууган агасы багып алган экен. Ызак менен Казак бир тууган экен. Ызак такыр бала көрбөй иниси Казактын кызын багып алат. Зейнеп ошондо бир жарым жашта болчу. Алар Зейнепти көзүнүн кареги менен тең айланып чоңойтушат. Өтө эрке өскөн кызды окууга алып келип киргизип койсо ушул Ырысбек менен сүйлөшүп калып окуусун таштап тийип кеткен. Апасы кийин өлүп калып, атасы Ызак башка аял алган. Ал аял мурунку күйөөсүнөн үч баласы менен келип алган. Зейнеп барганда түзүктөп чай да бербейт, Ызак өзү пенсиясынан бекиткен акчасынан неберелерине карматып зорго узатат:

- Кызым, аргам жок, карыганда кыйналып калат экемин, аял деген көйнөк-ыштанымды жууп карайт. Мага таарынба балам, үйбүлөң менен бактылуу болсоң болду, муну кетирип кимдин көзүн карайм, - деп каңырыгы түтөп калат.

- Кой ата кейибе, мен эмнеге капа болмок элем, менин да үйбүлөмдү таштап келип карай турган шартым жок, же өзүм келип багайынбы?

- Жо-ок балам, үйбүлөңөн бөлүнбө, балдарыңды кара, мен эми кайра жашармак белем, өлсөм келип башымда ыйлап отурсаң болду, баласы жок дедирбей, - деп муңканып калганда Зейнеп бетинен өөп:

- Жакшы тур ата, кайраттуу бол, мен өзүм кабар алып турам, - дегенде Ызак аны жыттай:

- Садага болойун десе, мурда Ырысбек экөөң келип кетчү элең, анын аброю өйдөлөп колу бошобой калган го, келбей калды? - деп шекигендей сурады.

- Ата, ал жумуштан бошой албай мени балдар менен сизден кабар ал деп жиберди, келет ал колу бошосо эле, - деп коштошуп, Зейнеп жолуна түшкөн.

Ошол кезде Ырысбек күнү-түнү үйүнө келбей, Женя менен ойноп-күлүп жүргөн эле. Ызак анда-мында карыганына карабай иче койчу, артынан кууп ичкен эмес. Жана Ырысбек атайы жини келип айтып койгон эле. Өз атасы Казак көп балалуу, баары үйлөнүп жайланган, бирок алар Зейнепке каттачу эмес, өзү деле аларга боор бербей калган…

- Зейнеп! - үн чыкканда ойго чөгүп кеткен Зейнеп чоочуп кетти, - Зейнеп дейм!

- Эмне болду? - Зейнеп баланы жаткыра коюп жүгүрүп чыкты, - Эмне болду?

- Энеңдин көтү!

- Болбодубу эми, бала эми эле уктады, чоочутасың, - Зейнеп бүжүрөй ага жасакерлене кетти, - Кир, кирчи үйгө.

- Тамак-самагың барбы? - Ыргалып турган бойдон үн катты.

- Бар, кирип ичпейсиңби.

- Азыр, достор келет, даярдап тур! - Ырысбек короодон чыгып кетти.

Зейнеп үйгө кирип илеби кайтып калган тамакты отко коюп дасторкон жайды: "Балакет ичкир десе, кайдагы алкаштарды ээрчитип келет эми" деп ойлонуп, болгонун коюп күтүп отурду. Тамакты эки ысытып, эки муздатты, кирпиктен тартса жыгыла турган болуп уйкусу да келди, аргасыз үргүлөп дасторкон четинде отура берди. Отурган жеринде жаны жыргай уктап кеткен экен, карс-карс эткен дабыштан чоочуп кетип көзүн ачса экөө-үчөө кирип келатыптыр. Тура калып кайра отко тамагын коюп, чайды алып келип аларды карап отуруп калды. Ырысбектин сүйлөөгө тили келбейт, булдуруктап көтөргөн бөтөлкөлөрүн ачып, батпай турса да бирден жутуп кулап калышты. Ысыткан тамагын кайра өчүрдү. Өзү ички үйгө баланы кучактай кыңкая уктай албай: "Минтип канчага чейин жашаар экенбиз, ушуга көз каранды болбой балдарды алып шаарга кетип калсамбы? Эми жашообуз оңолуп кетпейт го, болоору болду, Базарбекти кайненемдерге алып барып берейин, бул минтип жүрсө өлтүрүп алат" деп ойлонуп таң аттырды. Бир убакта Ырысбек ойгонду окшойт, калдыратып суу ичкендей болду. Отурган жерлеринде эки бөтөлкөнүн бири бүтүп, бири жарым турган бири-бирин ойготуп баягыны кайра иче башташты, кобураган үндөрүнөн билип турду Зейнеп.

- Зейнеп! - деп кыйкырды бир маалда Ырысбек.

- Эмне? - жанына келип акырын, - Эмне керек? - деди эле ал өчү бардай сөгүнө:

- Энеңдин баш-шы керек, тамак бер деп качан эле айтпадым беле? - деди ызырына.

- Азыр, - Ашканасын көздөй басты.

- Азый деп койот энеңдур-райын акмак! - Ал дагы өчү бардай арактан жутуп алды, - Бол эрте, бу сенин тамагың качан бышат ыя?

- Ой Ырысбек, түндө ичкендей болдук го, эми эле таң атпадыбы, койо тур шашпай, - жанындагы бирөө соорок окшойт, ал аны тынчтандырды - шашпа эми, аяшты кыйнай бербей.

- Ур-рдум ошол аяшыңды, кет десем кетпейт, энеңдур-райын.

- Кой дос, аялды антип кордобо, корун тартасың. Менин аялым болгондо кесени башыбызга кийгизип айдап чыкмак алда качан, - деди дагы бир колдурагы.

- Ошентип эле көрсүнчү! - Ырысбек өзүнчө көтөрүлүп койду, - Анткен күнү биерден караанын жоготом!

- Кыйратасың, - деп алды Зейнеп угузбай, - шашпай тур, мага десең көчөдө кал, кетпесем болбойт экен, - деп күбүрөнүп үчөөнө тамак куюп алып келип берди да, төркү бөлмөгө өтүп кетип баратканда:

- Эй отур бери, мынабу аяштарың менен тааныш! - деп бурк этип буйрук берди Ырысбек.

Зейнеп аргасыз кайрылып келип отура калды, алардын көзүнчө уруп, сабап киреби деп коркуп аткан. Ал отургандан кийин Ырысбек баарын унуткандай арактан жутуп коюп шорулдата тамак ичип эчтеке менен иши болбой калды. Кайрадан мас болуп калышты. Бир аздан кийин ээрчише чыгып кетти. Түнү менен уктабаганга Зейнеп Базарбектин жанына жатып уктап кетти. Ойгонсо түш ооп калыптыр, жанындагы Базарбек жок, жүгүрүп чыгып караса эшиктин алдында отуруп ойноп атыптыр: "Шүмшүк, кандай ыйлабай эле ойноп калды?" деп кайра үйгө кирип үйүн жыйыштырып чай коюп сыртка чыкты.

- Апа, апа кайачы муну, кайачаң, - Базарбек чулдурап ага бирдемени айткандай болду. Зейнеп аны көргүсү да келбей ажатканага өтүп кетти. Эч нерсе менен иши жок наристе кужурап аны ээрчий кошо баратат, - Атам, апам ана атам.

- Сүйлөбөчү! - Зейнеп аны карап жини келе кагып койду эле ары барып отуруп калды. Ал жөнөгөндө томпоңдоп колунан кармамак болгондо колго чаап жиберди, - Желмогузду көрөйүн деген көзүм жок дегеле.

- Апа чай ичем, нан жем, чай ичем, - деп ал колго чапканда томсоро түшүп кайра кужурап артынан жөнөдү. Зейнеп үйгө кирип ага тамак куюп алдына койду да:

- Төкпөй ич, өлөсүң төксөң! - деп зекип койду эле кашык менен иче баштады. Төкпөй ичмек кайда, кашыкты оозуна алып баратканда бир жагынан агып атты, - Өлбөгүр ай, шорумду ушул катырат го? - деп эшикти жалт карап Ырысбек кирип келеби деп чоочулай колго чаап ийди эле колундагы кашык ыргып кетип, Базарбек чаңырып ийди:

- Апа-а! - деп.

- Болду, болду, ыйлаба, - Зейнеп анын үнүн басмак болуп оозуна колун тосуп калганда Ырысбек келип калды.

- Ой, сен эмне эле чучуктай чыңыртып уруп атасың ыя?

- Ким уруп атат, тамак ичирейин десем эле ыйлап атат, - Зейнеп андан жалтана кетти.

Эртең мененкиден соолуга түшкөн экен. Кыязы акчасы жок же карыз бербей койгон го?

- Апкел тамагыңдан, бир бөтөлкө аракка акча берчи, баш ооруп калыптыр.

- Менде акча бар беле?

- Апкел деп атам! - Ырысбек бакырганда Зейнеп ордунан тура сыртка жүгүрүп чыкты.

Бекиткен акчасынан элүү сом алып чыкты да кармата койду. Акча колуна тийгенде Ырысбек тамакты ичпей эле жөнөдү. Зейнеп көз жашын сызылта отуруп боздоп ийди:

- Кудай ай, деги эмне деген жашоо болуп калды! Убал-сообум Женяга жетсин, ылайым жакшылык көрбөй кал, жашабай кал! - деп каргап-шилеп атты.

Базарбек апасын таңгала карап коюп отура берди. Алдындагы тамакты төгүп-чачып ичип, чайды да төгүп колу менен шилеп атканда:

- Өлүгүңдү көрөйүн арам сийдик, сеники да өттү мага, ушу сен үчүн өлтүрсө да көрдүм! - деп колунан көтөрүп ички үйгө алып кирип алынын келишинче башка көзгө койгулап жатты.

Бала көгөрүп-татарып ыйлап атып үнү чыкпай жатып калды. Зейнеп аны өчөшө үстүн жаап коюп дасторконун жыйып бүтүп кайра барып караса соолуктап үнү чыкпай ыйлап аткан экен: "Өлбөйт, өлмө келиптирби, ушул арам сийдикти кудай алмак беле" деп кайра өзүн алаксытмак болуп эшикке чыгып жолду карады: "Тиги алкаш качан келээр экен?" деп көпкө карап туруп, анан үйгө кирди. Кирсе Базарбек:

- Апа, апа чием… - деди.

- Көтүңө жара чык, өлбөдүң го, сен болбосоң Ырысбек баарын унутат эле, жашообуз ойдогудай болот эле, - деп булкуп жетелеп алып чыгып тосуп кайра кирип жаткырып атса:

- Апа оногум келатат, оной бейенби? - деп жалдырай карады эле дагы жонго дүңк эттире бири чаап:

- Ойундан айлан! - деп жаап койду, аңдып тургандай Ырысбек кирип келип эле Зейнепти үндөбөй туруп тээп, чаап жиберди.

- Аа-ай, - деп чаңыра, Зейнеп жыгылып түштү.

- Оо эн-неңдиурайын айбан, баладан айлангыр! - Ырысбек Зейнепти башка-көзгө койгулап жатты, - Сен менин колумдан өлбөй ажалыңдан өлсөң боло?!

- Ырысбек, болду эми, болду, жүрөгү-үм! - деп айлакерлене жатып калды.

- Өлүп кет, энеңдурайын акмак, ма-аа десең өлүп кет, мени коркуп калат деп атасыңбы, атаңа өзүм жеткирип берем! - деп дагы тээп ийип Базарбектин үстүндөгү төшөктү ачып көрсө бети-башы шишип, көздөрү көнөктөй болуп ыйлаганы билинип өпкөсү көөп соолуктап жатыптыр, - Базаң, эмне болду уулум, ким урду? - Ырысбек отура калып, аны ала койду, Базарбек бакырып ийди.

Ошондо Зейнеп ордунан туруп сыртты көздөй качып баратып жыгылып кетти, босогодогу дубалга тийип чекесинен кан жайыла эсин жоготуп жатып калды. Ырысбек уулунун киймин өйдө кылып караса эти көгала болуп кетиптир. Ачуусу менен жүгүрүп чыкса, аялы көмкөрөсүнөн түшүп жерге кан жайылып калган экен. Жүрөгү болк эте түштү: "Кудай уу-ур, буга эмне болгон?", деп өйдө кылса эч нерсени билбейт, колдору шалак этип чекеси жарылып, кан жылжып агып жатканын көрүп сыртка жүгүрүп чыгып коңшусуна жетти.

- Тез жардам чакырып койгулачы, жардам берип койгулачы, аялым ооруп жатат, - дегенде алар кошо келди, - Баланы катуу уруп коюптур, анан мен чыксам качкан окшойт, жыгылып калыптыр.

- Кокуй, - коңшу аял өйдө кыла койгондо кыймылга келип онтоп калды, - Зейнеп, ыя Зейнеп, жакшысыңбы айланайын?

- Мм, мага эмне болду? - деп башын көтөргөндө Ырысбек эңкейип колтугунан көтөрдү:

- Акырын баспайт белең, менден көрөт эле өлүп калсаң, - деп диванга жаткырып жылуу суу менен чекесиндеги кандын катканын тазалагандан кийин доктур келип калды.

Аны көрүп Ырысбек мындай боло берди. Врач көрүп укол сайып анан дары жазып берип "тынч жаткызгыла" деп кетип калды. Ырысбек баланы көгала кылып урганына ичинен жини келген менен унчукпады, башы ооруп тургандыктан Базарбекти көтөрүп алып чыгып кетти. Ырысбек ушул уулун абдан жакшы көрчү. Зейнеп үнсүз жатып ойлонуп жата берди: "Кой, минтип жүрө берсем болбойт. Эптеп кетип калайын, ичип жолдо калса кала берсин, өлүп кетпейби? Мени өлтүрүп коюшу мүмкүн, балдарымды өзүм ала кетем, өз баласын алып кала берсин" деп ыйлап алды. Бирок он төрт жылдан бери бирге жашаган күйөөсүн кыйбай, бирөөгө ыраа көрбөй жатты. Ырысбек уулун көтөрүп келип чай коюп, бир нерселерди таап муздаткычтан эт алып өзү тамак жасоого киришти. Зейнеп анын кыймыл-аракетин байкап туруп, көзүн жума жата берди. Базарбек анын жанында ойноп кошо жүрөт. Ырысбек:

- Күчүгү го, куйсагың ачтыбы? - деп эңкейип өөп койду.

- Ооба-аа, куйчагым ачты.

- Куйчагыңан ананайыным ий, ким уйду, уулум?

- Апам, апам уйду, - Базарбек кичинекей сөөмөйүн Зейнепти көздөй созо, - Апам уйду… - деп атасынын бутун кучактай жашынып алды, - коком, кокуп атам…

- Коркпо уулум, эртең чоң энеңе жеткирем, апаң өзү жашай берсин, - Ырысбек бир аз кызуу болчу. Базарбекти отургузуп адегенде тамакты куюп муздатып алдына коюп берип, анан Зейнепке чыныга куюп келип: - Тур тамак ичип ал, ысыгында ич! - деди.

- Эчтеке жүрөгүмө барбай турат, өзүң иче берчи, - Зейнеп ары карап кетти.

Ырысбектин жини келе түштү.

- Коркутпай ич, эгер баланы мынча урбасаң тынч болот элең го, өз күнөөңдү өзүң билип качам деген экенсиң, баланын убалы бар да, же сенин ички арманыңды ошол билип коюптурбу? Аны наристе дейт, тим койсо өлтүрүп койчудайсың, - деп тамак куюлган чыныны ары коюп, өзү башка идишке куюп дасторконго отуруп иче баштады.

Зейнеп унчуккан жок, тек өзүнүн бүгүнкү тагдырына нааразы болуп үнсүз ыйлай берди: "Убагында мени кандай сүйчү эле, эми минтип үйдө бороон-чапкын, аяздуу түн ызылдап турат. Ортобузга сууктук салып койгон го, болбосо мындай эмес эле" деп күйөөсүнүн өзүнө көңүл буруп эркелетишин, жанында эрди-катындай мамиле кылып сүйлөшүп отурушун, дене бойун жазып кумарын кандырышын эңсей берди. Бирок Ырысбекте ага деген сезим таптакыр өчүп, аны көрсө ачуусу келип, урушуп сөгүп, сөзүн укпай, жашоосу теңирден тескери кетип бараткан болчу. Сыртта ак жайдын күнү жаркырап тийип жандуунун баарын ырахатка бөлөп суктандырып, жашоого үндөп турса, булардын үйүндө аяз тоңдурган муз эрибей суздук өкүм сүрүп жатты.

- Ырысбек, - Зейнеп башын бери бура аны карады.

- Эмне болду? - Ырысбек зоңк этип сурап койду.

- Ырысбек, жашообуз болбой калды, ушундан көрө урушпай-талашпай эле ажырашып алалычы. Сен мени кандай сүйчү элең, эми көргүң келбей калды, ушундай жашоонун кимге кереги бар?

- Эми эсиңе келдиңби? "Кетсең жолуң ачык" деп качан эле айтпадым беле, бирок балдарды өз жайына кой, өз оокатыңды кыл!

- Кантип, мен балдарсыз кантип жүрөм? Мөлтүрөгөн жүзүмдөй шагымда ийилип бышып турганда күйүп-сүйүп үйлөндүң эле, эми мен сенден ажыраганым аз келгенсип балдарымдан да ажыраймбы? - Зейнеп солкулдап ыйлап жатты.

- Эй акмак, азыр жашоо кыйын боло баштады, балдарды сен кыйнап койосуң, андан көрө келип тур, жолугуп тур, бирок бирин да алып кетем деп ойлобо!

- Ушунчалык эле сага жек көрүнүп калдымбы, Ырысбек? - Зейнеп жаштуу көздөрү менен күйөөсүнө карады, - Кандай сонун тилектерибиз бар эле. Мына беш-алты жылда уулубуз чоңоюп үйлөнсө келиндүү болсок, неберебизди жетелеп сейилдетип ойнотсок… - Зейнеп күлүп алды, ызасы тамагын бууп, - Мени ушунчалык жек көргүдөй эмне күнөөм бар? - Муңканып эчкирип алды, Ырысбек үндөгөн жок, - Көп кыздардын ичинен мени тандаганыңда окууну таштап сени ээрчип кете бергеним, үч уулду төрөп бергеним күнөөбү?!

- Эмне болуп атасың? Мени ошентсем эле жибитип алам деп ойлоп атасыңбы? Жашоодо сүйүү, жакшы көрүү болгондон кийин көңүл калуу, бири-биринен ажыроо да бар!

- Аны билем… - Зейнеп ойлуу көзүнүн жашын сүртүп алды, - Биз ошол кезде абдан бактылуу болчубуз, сен мени көтөрүп алып үй ичинде тегеретип бийлегениңчи, - Жинди болгон немедей каткырып алды, - Мен анда аябай бактылуу болчумун!

- Бактылуу болот, бактысыз болот, баары өтөт… - Ырысбек башын жерге салган бойдон үн катты, - Сүйүүлөр картаят, эскирет, жүрөктүн эңсөөсү токтобойт!

- Кантип, сен "сүйүү эч качан өлбөйт, эскирбейт" дечү эмес белең, же мага деген сүйүүң убактылуу беле?! Сүйүүдөн балдарыбыз жаралды, алар чоңоюп келе жатат…

- Болдучу, башым ансыз да ооруп турат, сени эмес өзүмдү көтөрө албай турам.

- Мейли, сен менден тажап атсаң, мен сенден ажырагым келбей жатпайбы, - дагы күлүп койду, - Ошондо сенин мага деген сүйүүңдү эч качан эскирбейт деп ойлочумун, биздин сүйүү түбөлүктүү дегениңе ишенчүмүн.

- Кайдагы сүйүүнү айтып башымды оорутпачы! - Ырысбек ордунан туруп сыртка бет алды, - Кете турган болсоң баланы урбай сыйың менен кете бер.

- Аттиң, сүйүүнүн ушундай ачуу даамы бар экенин билсем… - Зейнеп муңкана бетин басып боздоп ийди, - Аргам жок, кетпесем болбойт… - деп ордунан турмак болуп баратып башы айланып жыгылып кетти.

- Аа-ай! - катуу чаңырыктан Ырысбек жүгүрүп кирди:

- Эмне болуп кетти? - Делдээ жерде жаткан Зейнепти көрө туруп калды да: "ушинтсем мени кетирбей алып калат деп жаткан го" деп ойлоп кыжыры келип кетти, - Анткорлонбой аман-эсениңде кетип калчы, жинди кылып ийе жаздадың, миң түрлөнсөң дагы сага деген жүрөк муздап калган, күнөө өзүңдө! - Ырысбек баласынын жанына отуруп алды.

Зейнеп аргасыз турууга аракет кылды эле алы келбеди. Керээлден кечке ал ошол калыбында жатты. Ырысбек баласынын көгаласын көрүп ага өчөшүп жанына барбай койду: "Өйдө кылып өнтөлөп койсом үмүт кылып жашагысы келет экен, карабай койойун" деп кеч киргенде уулу менен жатып алды. Ал Базарбеги үчүн бүгүн көп ичпеди, досторунан бөлүнүп баласын ата-энесине жеткирмек болду. Оштон ары эки сааттык жол. Зейнептин жанына койгусу келбейт. Түнү менен күйөөсүнүн жылуу кучагын, мээримин самаган Зейнеп андан үмүтү үзүлдү: "Болду, бүттү баары, эми бул мага жибибейт, андан көрө өз күнүмдү өзүм көрөйүн" деп ойлоп эптеп туруп диванга жатты. Ага өчөшкөндө эчтеке чыкпасын сезди, түшүндү, анын карайып алганына жүрөгү сыздап баарына Женяны күнөөлүү деп ойлоду да андан өч алууну эсине түйүп койду. Врачтын дарысын да алып келип берүүнү ойлогон жок Ырысбек. Эртең менен эрте турган Ырысбек аялынын диванда жатканын көрүп ичинен жини келип: "Жан керек экен, жатыпсың го" деп ойлоп:

- Зейнеп, мен Базаңды алып үйгө кетип атам, мен келгиче кетсең кетип кал, мен бүгүн балдар менен болом, - деп уулун көтөрө чыгып кетти.

Зейнеп унчукпай кала берди да ал кеткенден кийин ордунан туруп эптеп сыртка чыгып келди, тамак ысытып ичти, анан ойлонуп отуруп эсине бирдеме түштү. Акыры үйдөгү чет элдик эки килемди алып чыгып сатып кетүүнү ойлоду: "Менин дагы бул буюмдарда көз акым бар, баарын таштап кеткидей эмне" деген ойдо кийинип чыгып такси алып келди, анан эки эмес жыйылып турган төрт килемди алып, ага кошуп сервантта турган импорт сервисин, хрусталдан бокалын, чайнектерин бүт алды. Уруна элек буюмдарды көргөн эки аял, бир эркек базарга жеткирбей эле жолдон баасына алып, төрт килемди килем саткандарга өткөрдү да кайра келди. Өзүнүн кийим-кечесин, үйдө жүргөндө алып коюп эки жакка чыкканда тагынчу шакектерин алды да үйдөн чыгып кетти. Дары-дармегин алып убактылуу батир издеп тапкыча мейманканага орношту, да өзүн таанылгыс болуп өзгөртүүнү ойлонуп салонго барды. Чачын жасатты, модалуу көйнөктөн алып кийип мейманканага келип күзгүгө каранды: узун бойлуу, арыкчырай, көздөрү балбылдаган кыз турду бет маңдайында: "Менин али сулуулугум өчө элек, чындай келсе Женядан да сулуу, жаш көрүнөт экемин. Шашпа, сага көрсөтпөсөм элеби?" деп кекенип калды. Бир-эки күн өзүн кармап, дары ичип, анан эс алып жатты. Ал ортодо Зейнеп такси менен Женяны издеп жүрдү, бирок дайынын биле албады. Анын жүрөгүндө эң алгачкы бүтүрөөр иши Женядан өч алуу…

Ырысбек үйүнө келсе аңырайып ачык, кирип келип жүгүнүн чачылып калганын көрүп:

- Энең-еңдурайын канчык! - деп алды.

Бирок анын алып кеткенине кейип койгон жок. Үйүн жыйнап бүтүп анан бир аз отуруп ойлонуп башы ооруй үйүнөн чыкты. Дүкөнгө кирсе эки досу туруптур, алар менен ичип анан үйүнө чогуу келди:

- Аялың кеттиби? - деди бирөө колдурай, - Туура кылган жоксуң дос, сулуу аялың бар эле, - деп кейип калды.

- Урдум ошонун сулуулугун, кетсе кете берсин! - Ырысбек колун шилтеп койду, - Кутулганыма тобо.

- Өзүңдүн көңүлүң болбосо кетиргениң деле туура, - деди бири.

- Көңүлдүн калганы жаман экен, көрөйүн деген көзүм калган жок.

- Андай көңүлүң калса балдарын кайда таштады, өзүңдө калдыбы?

- Өзүмдө калбаганда, баланын балакетин алсын! - Ырысбек жиндене айтты муну. - Балдарды ушул заманда кантип багат?

- Ошончо балдарың турса үндөбөй кеткен жакшы аял экен, башка аял болсо өлбөгөн жерде калып болсо да сенден бир нерсе өндүрөт эле да, сотко берсе да үйүңдү алмак.

- Үй беремби ошого, балдарды ошого бербегеним ошол да, өзү кеткен аял эч нерсеге ээ болбойт да? - Ырысбек эрдемсий сүйлөдү, - Катынга повод берип болобу? - деп күүлөнө арактан ичип коюп көпкө отурушту. Анан үйлөрүнө тарап Ырысбек жалгыз калды. Диванга чалкасынан жатып алып ойлонуп атты: "Байкуш ага деле кыйын болду, кайда кетти экен: атасына кеттиби же балдарга кеттиби? Эмнеси болсо да өзүмө келгиче алыс болсунчу. Женя болсо дайынсыз кеткен экен, баягы түрк менен кеткен окшойт" деп көпкө жатты: "Эгер Зейнеп ага барбаса балким кетпейт беле, мени кызганганды ким койду экен ага? Энеңди урайын акмакты көңүлүнө карабай алда качан эле ажырашып кетсем болмок экен, замандын мындай болуп кетээрин, жумуш ордум кыскарып ишсиз калаарымды кайдан билдим" деп эңги-деңги боло ойлорго жетеленип жатып уктап кетти. Эртеси ойгонсо башы ооруп калыптыр, туруп бөтөлкөлөрдүн түбүн карап эчтеке табалбай анан эшикке чыгып барып камоктон жүз грамм ичип алып кайра үйүнө кирди...

Ырысбек ошентип күндө мас болгуча ичет да эртеси баш жазып, кайрадан мас болуп калып күндөр өтө берди, бара-бара анын түрү ичкичтен айрымасы калган жок. Атасы эки жолу келип урушуп Зейнепти таап кел деп кетти. Ырысбек башын жерге салып үндөбөй кутулду да "Чын эле ага өчөшүп, балдарымды энесинен ажыратып эмне кылам? Кой аны табайын, бир айдан бери кайда жүрөт болду экен", деп ойлонуп атып заматта кызганып кетти, көз алдына анын элеси келе калып, кетээр түнү айткан сөздөрүн эстеди: "Байкуш, аны менен деле сүйүшүп баш коштум эле, ага деле кыйын болду, балдарын сагынды го?" деп өзүнчө кыжаалат болуп отурса эки досу арак көтөрүп келип калыптыр.

- Кандай дос, сенин акыбалыңды сурайын деп эле келип калдык.

- Баш ооруп калгандыр, кел мындан жүздү басып алсаң оңолуп каласың, - Экөө төргө отуруп алып аракты ачып стакандарга куюп туруп үчөө алып жиберишти.

- Достор, мен ушундан кутулайын дедим эле, - Ырысбек оозун жаба отуруп анан, - Бул балакет адамды жолдон чыгарат экен, кийинки күндөрү тажап калдым.

- Ээ досум, муну ким эле жакшы көрсүн, мына мен деле ушунун айынан аял, бала-чакаман айрылдым.

- Мен деле ушу арактын айынан талаалап жүрбөйүнбү, баламдын эң улуусу аял алайын деп калды.

- Ошон үчүн мен эртелеп кутулбасам болбойт, ата-энем карып калды, балдарым чоңоюп баратат, өзүмдү колго албасам болбой калды.

Үчөө тең ачуу арактын кесепетинен ара жолдо калганына кейип-кепчип акылына келгенсип отурушту. Бирок ал сөз убактылуу эле ичине бирдеме кирген эргулдар ээрчишип жолго чыгып камокко кайрылып дагы жүздөн басышты. Күүлөнүп алган досторун үйүнө чакырып этинин калганын оокат жасап үчөө ичип отурганда бириси:

- Ой, мынабу жакшы тамак менен бирди ичпесек болбойт го ыя? - деп калды.

- Атасынын көрү, ичсе ичебиз да, - Экинчисине майдай жакты.

Ырысбек коштоп, чөнтөгүнөн акчасын чыгарды. Бири ала коюп чыга жөнөдү да бат эле бир бөтөлкөнү алып жетип келди. Үчөө бакылдашып жүздөн ичип оңуп калды. Түш оогуча ичишип анан кызып калышты, дагы алып келишти, үчүнчү бөтөлкөнү ичкенден кийин отурган жеринде жатып уктап калышты. Алар эси ооп уктап жатканда Ырысбектин атасы Баатыркан келип калды, кирип келип үйдүн кебетесин көрүп уулунун жанына келди да ийинден ала өйдө тургузганда Ырысбек чоочуп көзүн ача шашып калды:

- Ок ата-аңдын оозун урайын айбан, сенин аялыңды кетирип ийип көргөн жашооң, тапкан жыргалың ушубу? - деп далыга үч-төрт жолу чаап ийди.

- Ата, ата дейм, эмне урасың, андан көрө өлтүрүп эле койчу, ансыз дагы башым жарылгыдай болуп ооруп атат! - Ырысбек атасынын колун кармап калды.

- Башыңды урайын, оорумактан өлүп кет!

- Өз колуң менен өлтүрчү анда, чындап эле ушул жашоодон көрө өлгүм келе баштады…

- Кетир тиги шериктериңди, сени айылга алып кетем! - Баатыркан жиндене Ырысбекти төргө карай түрттү, тигилер жаткан жерде бөтөлкөлөр менен тамак ичкен чынылар, төгүлгөн тамактар чачылап жатат. Аларды көргөн Ырысбек кечээги ичкенден кийинкисин билбей калганын сезди.

- Эй Жанар, Аскар тургула! - дегенде коңурук тартып аткандар ыңгыранып зорго козголду:

- Ырысбек жөнчү, баш ооруп атканда.

- Андан көрө барбы бирдекең, өлгөнү турам.

Экөө тең көздөрүн ачалбай кыймылдап кайра жатып калды.

- Тургула дейм, бол үйүңөргө кеткиле! - Ырысбек экөөнү тең тээп-тээп койду эле, тигилер ыргып турушту да Баатырканды көрүп эшикке жөнөштү.

Ал экөө чыгып кеткенден кийин атасы Ырысбекти карыдан ала диванга алып келди:

- Ушу жашоону каалап Зейнепти кетирдиңби? Балдарды энесинен ажыратып коюп өзүңдүн кебетең бул, өлсөңчү ушундан көрө!

- Кечирип кой ата, эми кайталанбайт, экинчи ичпейм ата, - Ырысбек башын жерге салып отурду.

- Эсиң барда этегиңди жап, жакшынакай аялыңды кетирип ийип, окшошкондон мушташкан болуп ичкичтерди жаныңа жыйып алып жатасың жыргап. Зейнепти тезинен тап да жашооңду оңдо, дагы бир айда ушинтип жүрсөң катардан чыгып каласың, адам болбой калдың го?!

- Болду деп атпайынбы, эми ичпейм! Ата, ишенчи мага?

- Апаң болсо кейип бүтүп калды, өзүң жалгыз баласың, эжелериң дагы кабатыр болуп атат. Ойлон балам, "адам болуу аста, аста, айбан болуу бир паста" деген, акылың бар, эсиң бар, ойлон! - Баатыркан Ырысбекти далыга таптай ордунан турду, - Үйүңдүн кебетесин карачы, аз күндө бул үй ажатканадан айырмасы калбай калат!

- Андай болбойт ата, мен деле ойлоном да, кантип эле ошентип койойун? Ичпейм дагы, Зейнепти алып келем.

- Ошент, биздин да картайып калганыбызды эсиңе ал, апаңды айа, уулум…

Баатыркан ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры уулуна ишенип үйүнө кетти. Ырысбек үңкүйүп үйүнөн чыкпай жатып калды: "Зейнепти кайдан табам, кайдан издейм, ал азыр кайда жүрөт? Ачуусу менен бир жерге барып өлүп калсачы: анда эмне кылам?", деп ойлонуп атты.

Бул кезде Зейнеп ызасынан эмне кыларын билбей өзүнчө жинденип атты: "Ошол болбосо мындай акыбалга келмек эмесмин, баарына Женя күнөөлүү" деген ойдо болду. Колуна тийсе эки чайнап бир жуткудай ниети бар.

Женя болсо ата-энесине билгизбей кат жазып жөнөмөк болуп вокзалда жүргөн. Тааныштан берип жиберип, Женя шашыла жөнөгөндө анын артынан Зейнеп билгизбей аңдып баратты. Аңгыча күүгүм кирип айлана иңир тартып калган. Женя шашып үйүнө келатты. Зейнеп анын артынан улам алыстай өтүп кетти. Колунда муштумдай таш бар. Тепкичке чыга берген Женяны подъездге кире берип босогого бекинип калган Зейнеп жүгүрүп жетип, Женя артын карай бермек болгондо үлгүртпөй башка чаап түртүп жиберди. Төбөгө тийген соккудан Женя жыгылып кетти. Зейнеп аны жин тийгендей тепкилеп, таш менен дагы башына чаап туруп качып жөнөдү. Ал шашып чыга бергенде алдынан бир адам чыкты, бирок ал эч нерсе билген жок, тепкичте көмкөрөсүнөн жаткан Женяны көрүп кайра чыга калса, тигинин карааны да жок. Ал адам тез жардам чакырып, Женяны өйдө кылмак болуп башы канап жатканын көрдү. Женя эч нерсе билбейт. Аңгыча Хазар келди, ал аны көрүп чоочуп кетти:

- Жазгүл, Жазгүл, эмне болду, ким сени… - Хазар аны өйдө кылып көтөрүп үйүнө кирмек болгондо тез жардам келип калды.

- Мен келатканда бир аял кетип жаткан, мунун жатканын көрүп кайра чыксам жок, - деди тез жардам чакырган адам.

Женяны ооруканага алып барып жаткырышты. Кара кушу жаракат алып мээси чайкалган, бүткөн бою бүт көгала. Туфлинин такасы тийген жерлери шишип көкмөк. Үч күнгө чейин эч нерсе билбей жатты, дем алуусу оордоп, кыйналып жатканын көрүп Хазар ойлуу: "Ким ушундайга барды, эмнеге?" дегенден башка сөз табалбады. Адинай жанында кечке отуруп кечинде кетет. Бир жумада зорго көзүн ачып:

- Мен кайдамын? - деп сурады Женя.

- Кандайсың Жазгүл, өзүңдү кандай сезип атасың? - Хазар аны бетинен өөп колунан кармалады.

- Кандай курбум, акыбал жакшыбы, коркутуп ийдиң го? - Адинай бир жагынан өпкүлөп ийди, - Өзүңдү жакшы сезип атасыңбы?

- Кандай Женя, Хазарга эле эркелеп жата бересиңби? - Эрмат да ага жылмая карап акыбалын сурады.

- Жакшы, мен эмне болдум эле? - Женя козголо бермек болуп башынын ооруп кеткенинен, - Оой, башым эмне болуп атат? - деп көзүн жумду.

- Акырын, азыр сага көп сүйлөп, кыймылдаганга болбойт, - Хазар аны тынчтандыра көңүлүн жайгарды, - Жакында сакайып кетесиң, - деп азырынча эмне болгонун айтуу эрте экенин ойлоп сестра киргенде чыгып кетишти.

Хазар менен Адинайлар тынбай келип Женянын ал-абалын билип турду. Ал өйдө болуп калганда орган кызматкери келип сурай башталды:

- Сизди ким урганын көрдүңүз беле?

- Жо-ок, эч нерсе билбейм, эки жагымды караган деле эмесмин, подъездге жете элегимде бир аялдын жанымдан өтүп кеткенин билем, ошол жерде жашагандар болсо керек деп ойлоп койгом.

- Анын бетин көргөн жоксузбу?

- Ал артыман келди, мен караганга үлгүргөн жокмун.

- Макул, дагы көрөбүз, жакшылап дарылана бериңиз, - деп чыгып кетти ал.

Женя ойлонуп калды: "Ким мени өлтүрмөк болду экен, эмне үчүн, кайсы күнөөм үчүн?" деп ойлоп жооп табалбай жатты. Күнү кечке ойлонуп, Хазар келгенде алаксып кетти. Али көп кыймылдаганга уруксаат бере элек, башы таңылуу. Күндө эртең менен эрте Хазар келип бир аз отуруп кайра кетет, Адинай тез-тез келип турду. Женя ойлонуп отуруп: "Бул Ырысбектин аялынын эле колунан келди" деген ойго токтолду. Бирок душманын ого бетер күчөткүсү келбеди, оозунан чыгарбады, так билбей туруп күмөн санаганга дити барбады. Туура бир ай дегенде ооруканадан чыгып келди. Хазардын ата-энеси уулун чакырып аткан, Хазар аны Женяга айткан жок, болгону:

- Жазгүл, мен жумуштар менен Америкага барып келишим керек болуп жатат, сен үйдөн чыкпа, баары бар, он-он беш күндө келип калам, - деди шашылыш жөнөп жатып.

- Он беш күнгө чейин жападан жалгыз кантип жашайм, сен андан да кечиксеңчи?

- Жо-ок, кечикпей келем, жумушум бүтсө эле жөнөйм, а сен эч кандай кабатыр болбо, чоочун бирөө келсе эшикти ачпа? - деп кучактап өөп коштошту.

- Тез кел, мен сени чыдамсыздык менен күтөм! - Женя көзүнө жаш ала узатты.

Хазар ошол кезде Америкага эмес, өз жерине кетип жаткан эле. Аны атасы үйлөнтүүгө чакырып аткан. Ал Женянын сүрөтүн салып жиберсе аны жактырбай коюшкан. Ошентип ал аяктан үйлөнүү үчүн кетип жатканын айта албады.

Женянын катын алган ата-энеси белгиленген күнү аны күтүп атты. Бирок алар ал күнү да, эртеси да дайыны болбой калганда апасы:

- Кызым келем дегенден бир ай өттү, эмнеге кечикти, кудай сактаса экен, бирдеме болгон жокпу? - деп күйөөсүн карады.

- Кайдагы жаман жорукту баштабачы деги, шартына карашат да?

- Шарты деп, ошо даярданып алып анан келебиз деди да, эмнеге кечикти?

- Жүрөгүм сезип турат, баары жакшы кемпир, бир күнү кирип келишет, андан көрө даяр туралы, - Кемпир-чал күңк-мыңк болуп өз ичтеринде ар кайсыны ойлогон менен сыр бербей өз иштерине алаксып кетишти. Женя өзүнүн күмөн ойун Хазарга гана айткан. Бирок ал: "Аныгын билбей туруп аны кармап берсек болбой калат, акыры табабыз, эч кам санаба" деген. Ошол бойдон унчукпай калды. Женя жалгыз калып, башы ооруп жатып алат, зериккенде телефондон Адинайга:

- Адинай, мен жалгыз калдым, Хазар Америкага кетти! - деди.

- Ошондой де. Женя, мен бүгүн бара албайм. Билесиңби, кайненемдин көз карашы бузулуп калды, Эрмат экөөбүздү жашаткысы келбей жатат:

- Койчу, эмне үчүн?

- Билбейм, иши кылса кыйналып кеттим.

- Эрматчы, ал эмне дейт?

- Анын ойуна койсо менден ажырабайм деп атат, экөөбүздүн ортобузга чагым кылып атышпайбы:

- Эмнеге антип калды, кайненең жакшы эле го?

- Кайдан билем, кийинки күндөрү ошентип калды, менин атам бир аз үйдө ичип койот, ошону шылтоо кылып жатат окшойт…

- Капаланбачы. Баары ордуна келет, убактылуу нерсеге көңүлүңдү оорутпай эле койчу?

- Айла жок чыдайм да, боюмда дагы бар. Эрмат менин көңүлүмдү көтөрүп турат. Кой, кайненем келип калды окшойт, кечке телефон менен сүйлөшөсүң деп урушат.

- Ма-акул, көрүшкөнчө! - Женя трубканы коюп ойлонуп калды. Ата-энесине жазган катын эстеп ага зээни кейип алды: "Хазар эмнеге кетип калды? Мени үйүмө алып барам деп атты эле балким айнып калгандыр, анда эмне кылдым, дагы атасы жок төрөп аламбы?" сары-санаага батып отуруп уктап кетти. Ойгонсо күн кечтеп калыптыр, кардынын ачканын сезип ордунан турду. Телевизорду коюп ашканага барып тамак жасоого киришти. Тамак ичкенден кийин телевизор көрүп креслодо отуруп санаадан арыла телевизордогу сериалга кызыгып жалгыз экенин унутуп каткырып атса телефон чыр этти. Көпкө чейин тургусу келбей атып анан: "Ким болуп кетти?" деп трубканы алды:

- Ало, бул ким?

- Жазгүл кандайсың, жакшы отурасыңбы, жалгыз зериккен жоксуңбу?

- Хаза-ар! Өзүң кандайсың? Жакшы, жакшы эле, качан келесиң?

- Эки-үч күндө барып калам, иш дароо эле бүтүп калды, көпкө калбай барам Жазгүл, жакшы жат!

- Өзүң дагы жакшы эс ал, тезирээк кел ээ?

- Сөзсүз, эки-үч күндө барам, ойлонбой туруп тур! - деп телефонду коюп койду.

"Мени жалгыз кантип атат деп сары-санаа болуп аткан тура, алтыным десе, менин бактым", - деп Женя өзүнчө кубанычтуу жылмайып алды. Адам деген жакшы сөзгө көңүлү көтөрүлүп, аба менен сууга гана карыз болбосом тирүүдө башкага күнөөм жок деп өзүн-өзү сооротуп жашайт эмеспи. Женя дагы ошонун бири болду. Хазардын келишин күтүп баары бар, болгону сүйүүнүн кулу болгон эркиндик жок бир бөлмөдө бактынын төрүнө баш багып жүрөгүн жалгыз Хазарга энчилеп убактылуу жашоонун күнүмдүк жыргалына балкып турду. Өмүр деген көз ачып жумгуча өтүп кетчү нерсе, ошол көз ачып жумгуча өткөн өмүрдүн ичинде не деген өзгөрүүлөр болуп өтөөрү пенденин ойуна да келбейт эмеспи. Үч күн, үч түндүн өтүшү ага кыйын эле болду, бирок бакытты уучуна чеңгелдеп алган өңдүү алды-артын ойлогусу да келген жок. Үчүнчү уулун төрөгөндө кайсыл бурчта өзөгүн өрттөгөн өкүнүч менен кала берээрин ал азыр ойлободу. Хазарга болгон ишеничи күч эле…

Төртүнчү күнү кечке маал эшиги тыкылдап, Хазар кирип келди.

- Жаным, ушунча сагынып кеттим! - Женя мойнуна асыла көзүнө жаш алды.

- Койчу жаным, капаланбачы! Көрдүңбү, сени "күтүп жалгыз калды" деп жетип келдим.

- Ушунчалык сагынып кеттим, мен сага аябай көнүп калыптырмын…

- Ошону билип анан жеткиче шаштым, - Хазар Женяны эркелете өөп койду.

Хазар жүрөгүндө кыжаалат ой турса да Женяны эркелете анын жоодураган көздөрүнө жүрөгүн, ар бир жакшы сөзүн арнап, ушул жароокер кыздын ишеничин актай албаганына, ата-энеси өздөрүнүн жакын адамдарынын кызына үйлөнткөнү жүрөгүн оорутуп турду. Ошол күнү анын ичи бүлк этип бойунда бар экени белгилүү болгондо Женя Хазарга өз ойун айтканда ал кубанычынан жадырап күлдү.

- Жазгүл, сен мага өзүңө окшогон кыз төрөп берчи, экөөбүз абдан бактылуу болобуз.

- Жо-ок, эркек болушун каалайм, кызды кийин көрөбүз , - Женя көзүн сүзө эркелеп калды.

- Биринчи кыз эмес, уул болуп калса аргабыз жок, бирок тилек деген жакшы да, биз тилесек баары болот.

- Жа-аным, сен үчүн баарына даярмын, уул десең уул, кыз десең кыз төрөп берем, жарайбы?

- Жарайт, мен үчүн сөзсүз кыз керек, кыз деген жакшы да? - Хазар Женяны көтөрүп диванга отургузду.

- Болуптур, аман-эсен көз жарып алсам болду, - Женянын көздөрүнөн бакыттын нуру чачырап, ушул азыр чексиз бактылуу болуп турду. Экөө кучакташып жатак бөлмөдө аймалашып көпкө жатышты...

Дал ушул кезде Адинай менен Эрмат дагы талашып-тартышып жатышкан.

- Эрмат, мен кызды жакшы көрөм, андан кийин уул болот, кө-өп балалуу болобуз, балдарыбыз сулуу, абдан акылдуу болушат, - Адинай эркелей күйөөсүнүн мурдун чымчый сүйлөдү.

- Адинай, билесиңби, менин эжелерим бар, балдардан экөө элебиз, а сен мага бир кыз, калганын эркек төрөп бересиң.

- Жо-ок, адегенде кыз болсун, андан кийин мейли! - Адинай күйөөсүнүн мойнуна колун оролто эркелей кетти. Ошол кезде телефон чырылдап калды, Адинай трубканы ала коюп.

- Ало-о, - деди ары жактагы үндү тыңшап.

- Адинай кандайсың, менин сага сүйүнчүм бар! - Женя ага атайы өктөм кубанычтуу сүйлөдү.

- Кана айт, айта бер досум, кандай сүйүнчү?

- Билесиңби, жакында Хазар экөөбүз балалуу болобуз!

- Кут болсун, куттуктайбыз Эрмат экөөбүз тең.

- Рахмат, келип кетпейсиңерби?

- Женя, менин сени менен тең бөлүшчү кубанычым бар, дал эле сеникиндей! - Адинай каткырып койду.

- Куттуктайбыз, Хазар дагы абдан бактылуу, экөөбүз дагы ушунчалык кубанычтабыз, силердин кубанычыңар биздин кубаныч!

- Раxмат Женичка, бизден Хазарга салам айтып кой.

- Сөзсүз, өзү деле угуп отурат.

- Салам.

- Салам, Эрик! - Хазар менен Эрмат экөө да телефон аркылуу учурашып күлүп калышты.

- Эмесе түнүңөр бейпил болсун!

- Болуптур, тынч уктагыла! - деп трубканы коюп коюшту.

Xазар Женяны ата-энесине алып барып келмек болду. Адинай менен Эрмат кошо бармак болду. Алардын келишине Женянын ата-энесинин буту жерге тийбей кубанып тосуп жүгүрүп жүрүштү. Женянын эси-дартынын баары баласында болуп жатты: "Эмдигиче чоңоюп калды го, кайда жүрөт болду экен, ойноп жүрсө керек" деп үйгө отура албай кирип-чыгып, ары жак, бери жакты карап атты. Бирок эч жерден баланын ичи-жиги билинбеди. Апасынан сурайын дейт, оозу барбайт. Конок болушуп, ызаат сый көрүп үчүнчү күнү кайра жөнөштү. Уулунун дайынын биле албаган Женя сарсанаа болуп үйүнө келди. Бирок Хазарга сыр билгизбеди. Анткени ага ал ыраазы эле, ата-энесине кымбат баалуу кийим-кечек менен жыйырма миң сом алып барды. Ушул бактысына ыраазы болуп жүргөндө анын үйүнө апасы келип калды. Кубанган Женя апасы менен кенен-кесир сүйлөшүп алгысы келип коноктоп отурду. Апасы кызынын бактылуу болушун тилеп ичинен тынып: "Кудайга шүгүр, күйөө бала жакшы экен, кызымдын багы ачылып кетсе болду" деп чечиле сүйлөшүп отурганда Женя:

- Апа, силерди бала багып алды деп уктум эле? - деп ага суроолуу карады.

- Кайдан, эшиктин алдына бирөө таштап кеткен экен, аны Назгүл бактырбай койгон, ошол айылдан бирөө алып кеткен, - деди апасы эч нерседен капарсыз эле.

- Эмнеге, багып алсаңар болмок, баланын зыяны тиймек беле?

- Анын эмнесине баш оорутайын балам, балаңар жок болсо бир жөн, "арамдан туулган баланы бакпайбыз!" деп Назгүл каршы болуп туруп алды.

- Назгүл эжем деле кызык, жөн эле койсо болмок экен, - Женя көз кычыктарына жаш тегерене ордунан туруп ваннага кирип кетти.

Ошол маал эненин жүрөгү бир нерсени сезгендей түпөйүл ойдо туруп анан кызы келгенде анын кабак-кашын карай суроолуу:

- Капырай, аны кайдан уктуң эле? - деди.

- Уккам, - Женя ашыкча сүйлөгүсү келбей телевизорду тиктеп отуруп калды.

Анын жүрөгүн мыжыган ачуу арман бар эле: "Неге, мен төрөп эле талаага таштай беремби? Өз энем, өз атам багып алар деп ойлободум беле, эми кантип анын дайынын билем, кантип менин балам деп айтам, канткенде колума алам?!" деп ызалуу буулугуп, апасын унутуп койгондой отура берди. Эне муну купуя сезди: "Курган кыз, өзүнүн жаңылыштыгынын айынан баласын бизге айталбай таштаган окшойт, эми Зуура менен Шакирдин ардактап багып жаткан чырактай баласын кантип тартып алабыз? Болбойт, андан көрө акырын сурап билейин" деп кызына сынай карады:

- Ээ кызым, эмнеге көңүлүң кирдей түштү, анан калса ал баланы эмнеге эле сурап калдың?

- Апа! - Женя көздөрүнүн жашы жамгырдай төгүлө жаздап ордунан туруп апасынын жанына келди, - Апа аны мен төрөгөм, уктуңбу?! Мен төрөгөмүн, менин баламды силер багып алат деп ойлогом!

- Ии-ий өлүгүңдү көрөйүн, антип таштагыча ачык эле айтып мага берип келбейт белең? - Эне ушуну угаарын билгендей андан жай сурады, - Акыры билине турган болгон соң ошондо айтсаң болот эле го?

- ?...

- Эми болбойт кызым, башыңды ташка урсаң дагы эми кеч, мен барып ага "менин кызым таштаптыр" деп айта албайм!

- Апа, кантип ошол баламдан тирүүлөй айрылам?

- Сен ал балаңды алда качан жоготуп, энелик укугуңдан айрылганың качан, экинчи менин балам эле дегенди унут, кулагым укпасын! - Эне ордунан туруп кетмек болду.

- Кечирип койчу апа, экинчи айтпайын, үн дебейин, мени кечирип койчу? - Женя апасын кучактамак болду эле ал аны түртүп ийди:

- Болду, жаныма жакын жолобо, сендей баланын барынан жогу! - Эне аны өзүнөн алыстата түртүп кийимин кийди, - Экинчи "энем-атам бар экен" деп ойлобо да, барба!

- Апа-а?!

- Үнүңдү чыгарба, - деп каалганы ача бергенде Хазар менен беттеше түштү.

- Келиңиз апа, кандай денсоолуктарыңыз жакшыбы, атам жүрөбү? - Хазар анча-мынча сөздөрүн укса да укмаксан боло жайдары күлүп саламдашып койду.

- Жакшы, жакшы айланайын, өзүңөр жакшы жатасыңарбы?

- Азыр эле келдиңизби? - Ортодогу таарынычты жайгармак болгон Хазар Женяны карады, - Апамды коноктобосок болбойт го, Жазгүл?

- Аа-а.. апам эрте жарыкта бир жумушун бүтүрүп келе койойун деп аткан эле... - Женя эч нерсе болбогондой күлө карады.

- Эртең деле бүтө берет, бүгүн жакшылап эс алсын, конок болсун, анан сен кошо барасың, макулбу?

- Ма-акул айланайын, шашпайм деле, - Эне кайра чечинип отуруп калды.

Эне бала бири-бирине астыртан караган менен баары бир жүрөк түпкүрүндөгү таарынычтарын, өксүгүн сыртка чыгаралбаган Женянын күйүтү, эненин жүрөгүн эзген санаа турду. Хазар эч нерсе болбогондой эне-баланын ортосунда данакер катары отурганына экөө тең ыраазы.

"Баары бир мен баламды алууга тийишмин, өз баламды талашсам да алам" деп ойлоп отурду Женя.

Бул кезде Зейнеп кайнатасынын үйүн көздөй кетип жатты. Ал Женяны өлдү деп ойлогон, бирок мейманканага барбай: "мен эми камалып кетсем балдарым кантет ойлонбой иш кылганымды ата-энемдер кечиреби, балдарымчы, Ырысбек эмне дейт? Мен ата-энем, балдарым үчүн өлгөн кишимин, күнүмдүк гана жашоо үчүн аракет кылам, балдарым үчүн кам көрүп сыртынан карап турам" деп ойлуу алды жагын карап кетип жатты.

***

Сурмакан үйүнө келип төшөктөрүн жайып атканда Шакир ойноп жаткан, анан жүгүрүп келип:

- Куйчагым ачты, нан бейчи, чай ичем, - деп Сурмаканды этектен алды.

- Азыр Шаки, мен иш кылып атпайынбы, бир аз чыда ээ? - Сурмакан аны алаксытып жатып: "Эми эмне кылам, түндөгү бойдон ачка болду, же үйдө эчтеке жок" деп Шакирди көтөрүп короосунун эшигине барды. Эки жакты карап бир аз тургандан кийин Жакып келип калды. Сурмакан аны үйгө киргизди, Шакир болсо кычап ыйлай баштады.

- Аба, мен бала менен ал үйгө батпай калдым, айла жок өзүмчө жашап ушуну эптеп чоңойтойун деп келе бердим...

- Балам, эми кайгыра бербе, бияктан биз жардам беребиз, бирөөнүн баласы бирөөгө батмак беле, мен деле багып алсам чоңойо берет эле. Жеңеңдин сырын билесиң, ал шүмшүк батырбайт, буга болушуп мен да жаман көрүнөм, айла канча, - Жакып бир тууган агасынын кызынын алдында өзүн күнөөлүүдөй сезип жер карап отурду.

- Түндө баса бергенбиз, мен го чыдайм, Шакир курсагым ачты деп ыйлап атат, бир нан салып алганды ойлобоптурмун ачууланып атып.

- Азыр, мен үйдөн нан, жарым кап ун алып келип берем, дагы эмне керек, сүзмө, май, - Жакып ордунан тура жөнөдү.

- Жеңем эмне дейт? - Сурмакан тарткынчыктай сурап койду.

- Ошол курусун, эмне кылмак эле, керек болсо ошонун өзүнө көтөртүп алып келем! - Жакып шаша чыгып кетти.

Сурмакан Шакирди сооротуп атты:

- Азыр, Шаки, экөөбүз чай ичебиз ээ, абам сүзмө апкелет, сүзмө ичебиз.

- Мен дагы ичем...

- Ананчы, биринчи сага берем да? - Сурмакан аны өөп койду, - Садагам ий, эптеп чоңоюп алсаң анан канга салам бербей калат элең... Келечегиң жакшы болсо экен.

- Эже, апам качан келет?

- Келет, сен чоңойгондо келет, - Сурмакан аны карап ойлуу: "Ата-эне деген эмне экенин билбей чоңойо турган болдуң, аман болсоң бир күндү көрөөрсүң" деп аны бооруна кысып алып отурганда Жакып аялы экөө кирди.

- Капырай кыз, эмне отурбай баса бердиң, кирсем эле үйдө жоксуң, чай-пай ичип кетпей... - Жеңеси Калыйпа жойпуланып кирди.

- Шакир ыйлап отургузбай эле... - Сурмакан да сыр билгизбей күлө жооп берди.

Кыйынчылык убакта колунда бары май сүзмө ичип, эт жебесе анча-мынчалар кара жарма менен карын кампайткан убакта Жакып бардар жашаар эле, жарым кап ун, талкан, бир чанач сүзмө, бир карын май, койдун карчыга-төшүн көтөрүп келиптир. Маңдайы жарыла сүйүнгөн Сурмакан абасы Жакыпка ичинен абдан ыраазы болуп турду. Керогазды жагып, чай койду да чай таппай калды. Калыйпа өзү барып кагазга оролгон грузин чайын алып келе калды. Бапырап эле калышты. Жакып менен Калыйпа бир аздан кийин үйлөрүнө кетип, Шакир экөө эле калды. Шакирдин карды тойгонго борсоңдоп ойноп калды. Кечке маал Ратбек келип ал бир топ тамак аш алып келиптир. Ратбекти Сурмакан:

- Сенин биерде жүргөнүң туура эмес, атамдар эмне деп ойлойт, мага капа болбо, ушул бала үчүн өмүрүмдү сарп кылсам да баарына кайылмын. Эсиңе кел Ратбек, мени эмес, өзүңдү ойло!

- Кантип Сурмаш, мен сени ушул үйгө жалгыз кантип койом, ичиңдеги бала менин каным, аны кантип таштайм?

- Арга канча, адам баарына көнөт, сен намыстуу жигитсиң, мен сага таарынбайм, ата-энеңдин айтканы менен болгонуң жакшы!

- Сени эч качан жат бала менен таштабайм, экинчи мени кет дебей жүр, мен балам экөөбүз сени менен бирге болобуз, - Ратбек Шакирди өөп койду. - Сурмаш, Шакир деле биздин балабыз да, мен атаң болом ээ, Шаку?

- Ий-и... - Шакир култуңдап койду.

- Атамдар жаман көрөт го, ата дедирип койсоң?

- Сурмаш, мен азыр өзүмдү-өзүм билем, алардын кандай иши бар? - Ратбек ага мойун бербей койду.

Ошону менен жашоону ойдогудай өткөрүп күнүмдүк өмүрдүн кызыгын бирге көрүүгө бел байлашты. Сурмакан дагы өмүрлүк жубайынын айтканына көнүп жашап калышты. Сурмакандын ичи бара-бара билинип, отурган-турганы кыйындап баратты, айрыкча ичи чоң болуп кыйналып жүрдү. Кемпир-кесекке ичин оңдотуп атты. Негедир абдан кыйналып, түшүнө апасы менен эжеси кире берди. Эчтеке айтпады. Төрөөрүнө аз калганда бир жаман түш көрдү, жаңы эле уктаган: апасы менен эжеси жакшынакай кийинип ээрчишип алып Сурмаканга келип: "жүрү биз менен эле кетип калчы, сени ойлонуп кыйналдык, сени келет деп. Атаң да күтүп атат, балаңды ташта да биз менен чогуу кет, сени таштабайбыз, бол балам, кетели, кечигип калбайлы" деп Сурмаканды ордунан тургузуп жетелеп баратыптыр. Чоочуп ойгонду, кара терге түшүп калыптыр, көпкө ойгоо жатты, анан туруп эшикке чыгып келди да Ратбектин жанында уктап жаткан Шакирди карап коюп: "Байкушум аа-ай, сен эмне болоор экенсиң, кокус мен өлүп калсам сени ким карайт? Апам менен эжем мени тургузуп алып кетти, баары бир мен өлмөк болдум" деп кабагын бүркөй жашоодон түңүлдү. Аңгыча алар ойгонуп калышты. Чай ичип отурушканда Сурмакан Ратбекти көпкө карап:

- Ратбек, Шакирди чын көңүлүң менен жакшы көрөсүңбү? - деди саал жылмая.

- Ооба, эмне болду? - Ратбек аны таңгала карап күлүп койду, - Эмнеге антип сурадың Сурмаш?

- Деги да, ушуга кыйын болуп кала турган болду, Ратбек...

- Эмне?

- Сен мени сүйөсүңбү?

- Сүйбөгөндөчү, сени сүйгөнүмдөн ушул жерде сени менен жүрөм да! Мен сенсиз жашай албайм, сени мен ушунчалык жакшы көрөөрүм чындык, ошол үчүн сенден ажырагым келбей жүрөм го, бала болуп кетесиңби? - Ратбек Сурмаканды кучактай өөп, эркелетип курсагын сыйпалап, - Ушул чыгып келсе экөөңдү кандай гана карайм дейсиң. Ошондо апам өзү келет, небересин экөөбүзгө бербейт, биз бактылуу болобуз.

- Ай билбейм Ратбек, бирок Шакирден корком, менден башка эч кимиси жок, ушу бала үчүн кыйын ойлоном..

- Сурмаш ойлонбочу, Шакир биз үчүн өз бала, сен экөөбүз бул бала үчүн өз ата-эне, - Ратбек Сурмаканды кучактап өөп жайгарып жатты.

Арадан үч күн өткөндө Сурмакан толготуп калды, Ратбек алдастап айылдык фельдшерди чакырып келди, толгоосу катуу болду, абдан кыйналып жатып Сурмакан эгиз төрөдү, эгиз эркек төрөгөндөн кийин Сурмакандын эти ысып алдастап түнү бою кыйналды. Ратбек ата-энесин чакырып келди. Төрөгөндөн кийин үч күндөн кийин Сурмакан эсин жыя электе кете берди. Ратбектин ата-энеси эгиз баланы үйүнө алып кетти. Сурмакандын тажиясын жакшылап өткөрүп бүткөндөн кийин Ратбек өз үйүнө кетти. Шакирди өзүм багам деген Жакып эл алдында сөз берди.

- Мен турбайынбы, баланы эч кимге кор кылбайм, - деп баланын милдетин өзү алды да, үйүнө алып кетти.

- Туугандар ушундайда кереги тиет, пайдасы ушундайда болбосо анан качан?

- Азамат, Жакып адамгерчилиги менен туугандарына баркы бар, тууган-урукка да кадыры күчтүү.

- Өзү жакшы адам да. Бу бечара бешиктен бели чыкпай атып шору көп экен, ата-энеден, эми бул таежесинен да айрылды, эми Жакыптын аялы ушуну кандай караар экен?

- Калыйпа деле талпылдаган менен жакшы аял, балага үйрүлө түшүп калат, ак көңүл.

- Ошентсе да, өз энеси болбогондон кийин кыйын эле болду, бечара баланын бешенесин кара, - дешип тамшанып жатышты.

Шакирди Жакып балдарына алып барып:

- Балдарым, мына бул дагы менин балам, силерге бир тууган болот, мындан ары муну жетелеп чоңойтосуңар. Ыйлатпагыла, жакшы карап, бөлбөгүлө! - деди.

- Ооба балам, өзүңөр түшүнөсүңөр, чоңоюп калдыңар. Шакир эми биздин балабыз, - Калыйпа дагы аны карап эркелеткендей өөп койду.

Ал өз ойунда: "Балдардын баары чоңоюп кетти, багып чоңойтуп койсок зыяны тиймек беле? Талашаар эч кимиси жок, мал бакканга жарайт" деген ойдо болуп атты. Балдарынын эң кичүүсү он бешке келип калган. Бирок Шакирдин анык жетимдик тагдыры так ушундан башталды...

Шакир ушул жерге келгенде Зуураны карады:

- Менин тагдырым ушундай Зукеш, туулганы ата-эненин жүзүн көрбөдүм, эптеп мен үчүн тобокелге барып жалгыз мени эш туткан таежем төрөттөн кетип Жакып абамдын колунда калганда төрт жарым жашта экемин, балдары мени анча жактырбай уруп коюп, абам мага болушуп кетчү, - Шакир улутунуп алды.

Зуура үндөгөн жок, ал өз энесин көрбөй калганын ойлоп атасынын өзүнүн көзүн карап чоңойтконуна ыраазы болду ичинен. Алар өткөндү эстеп үнсүз отуруп калды, таң атканда ордуларынан туруп жуунуп келип эртең мененки чайын ичип отурганда аларды сырттан бир бала чакырып калды. Бул баягы ташталган баланы экөөн чакырып бермек болгон кез эле. Шакир али көздөрүн жаңы ачкан наристени үйүнө алып келгенден кийин өзүнүн ата-энеден калып жетимдикти тартканын эстеп: "Өзүмө балалуу болуу буйруган жок, эми колумдан келишинче ушуну өз баламдай өстүрөйүн, ушинтип атамдын атын өчүрбөй улантайын" деген ойдо наристени кумарлана жыттап койду. Зуура өзүнүн Темирбегинин жаңы төрөлгөн кезин элестетип жылмайып алды: "Садагам десе, аман жүрсө болду, ушу наристе ак жолтой болсун, уулумдун иниси, күйөөрү болсун" деп ойлоп Темирбектен көптөн бери кат-кабар келбегенге көзүнөн сагынычтын мөлт эткен жашы ыргып кетти. Экөө наристени ортого алып ороп-чулгап, сүт берип тойгузгандан кийин доктурга алып барышты. Атын Керимбек деп коюп, Шакирдин наамын жаздырып коюшту. Ошентип экөө эрбең-сербең болбой аларга баш кошулуп эрмек болуп оңуп эле калышты.

Ошол кышта Темирбектен дагы кат алды. Ал дагы келе албасын айтып кечирим сураптыр. Зуура бүк түшүп баш көтөрбөй ыйлап жатып калды: "Оо жараткан, жалгызым ушундай боору таш жаралды беле?! Мени ойлоп койсо боло, неге келгиси келбейт, менден көңүлү калды беле?" деп өксүп ыйлап жатканда Шакир анын жанына кичинекей Керимбекти ыйлатып көтөрүп келди:

- Апасы, Кекин ыйлап атат, уулуңду алчы! - Ошондо ал ордунан туруп эки жакты карап күлүп калган наристени карай канатын жая:

- Эx садага болойун десе, менин кубатым го, эрмегим го ушул, курсак ачтыбы? - деп колуна ала коюп өөп-жыттап, анан Шакирге карады:

- Уулумду уруп койгонсуң го атасы, мынча эмнеге ойлонду? Атаң урдубу, уулум? - деп жылмая өзүн алаксыта көтөрүп алып сыртка чыкты, - Тү-тү-түү, - Тоокторун чакырды эле он чакты тоок жемге жүгүрүп келди, - Кекин карачы тоокторду, берекем менин, жумуртка берем уулума, - деп өзүн наристе менен алаксытса да ачуу ыза көкүрөгүн мыжып, жандүйнөсү сыздап турган эле. Шакир ал чакырган тоокторго жем чачып Зууранын көңүлүн ачуу менен алек. Зуура бала багып иштебей калган. Шакир жумушка эки күндө бир барып келет. Жай турмуш - бай турмуш. Оор жылдар экөөнүн белин кайыштырган жок, өлбөстөй оокаттары бар, болгону экөөнүн тең жүрөктөрүндө жан кыйнаган санаа, оор кайгы түнөйт. Шакир артында жик калтыраар тукуму калбай өтүп бара жатканына өкүнсө, Зуура жалгыз уулун көзүнө сүртүүгө зар болуп күтүп келатканына зээни кейийт. Канткен менен тирүүлүктүн өз мыйзамы бар эмеспи, күнүмдүк тиричилик аларды өз кучагына алып кээде ойлонууга да үлгүртпөй, жашоого үндөгөн үмүттөр жетелейт. Керимбек чоңоюп баратты, анын "апа, ата" деген ширин тили экөөнү кубанычка бөлөп өздөрүнчө бактылуу бапырап калышат. Шакир кайрадан өз тагдырынын эсинде калган кезин саамга ойлонуп Зуурага кеп кылгандан тажабайт...

Шакир он төрт, он бешке келип калган эле. Жакып карый түшкөн, балдарынын баары колдон чыгып, Шакир малдын түйшүгүн жалгыз тарта баштаган. Үстүнө кийген кийими Жакыптын балдарынын эскиси. Ал ошого кайыл эле, өзүнүн жетимдигин уккандан кийин карды тоюп, жатаар жери, кийими бүтүнүнө ыраазы болуп таң атканда кетип, кеч күүгүмдө малды короого киргизип, анан жаны жай алат, анда дагы ал эми отураарда Калыйпа:

- Тур, суу алып келе кал, жаш туруп дегеле жалкоосуң да, - деп колуна чаканы кармата салып сүйлөнүп кирет, - Жетимди жетилтип койсоң желкесин кашыйт, өлүгүңдү көрөйүн куу жетим.

- Ой ал сага эмне кылды ыя? Байкуш керээли кечке мал кайтарып чарчаган немени жумшабай эле сууну күндүзү алып келип алсаң болот эле го? - Жакып ага боор тарта аялына ачуулана кетет.

- Өлбөйт, ата-энесин жалмаган жарыбагыр өлгөндөн калды, боор көтөрүп алса, эртең эле экөөбүздү ким элең деп басып кетет.

- Мейли, менин милдетим бар мойнумда, энесинен калган малы бар, бир аз чоңойсо үйлөнтүп, энчисин берип бөлүп койсом мойнумдагы карызымдан кутулат элем, - Жакып үңкүйүп отуруп калды. - Ошого жетише алаар бекемин...

- Ооба, багып чоңойтконубуз аз келгенсип үйлөнтүп энчи бер! Бул жетимиңе энчи эмес эчтеке бербейм колумдан келсе! Балдарыңа ээ кылбай биртике малдын эмнесин бересиң ыя?

- Балдарыңдын өз пешенесине жазганы бар, алар жетимдикти тарткан жок, ачка-ток, кийими жыртык болсо да маңдайында экөөбүз туруп оозуна тапканыбызды такап, эркелетип чоңойттук. "Жетимдин акысы - заардын огу" деген бар кемпир, мен өлбөй турсам баланы эптеп өз тууруна кондурам, ата-арбактан коркпой кантип койом?! - дегенде Шакир кирип чакаларды ордуна коюп Жакыптын жанына отураарда Калыйпа кайра жумшады:

- Көң алып келе койчу.

Шакир кайрадан эшикке чыгып уйдун көңүнөн алып келди. Мектепке барды деген эле аты, келээри менен кой артынан түшөт. Ал келгиче Жакып кайтарат, ал аялынын сырын билгендиктен атайын кой жайып жөнөөрдө бир нан, айран алып алат, окуудан келээри менен эчтеке бербей талаага жумшаарын ойлойт да өзү алып келгендерин ага берип:

- Уулум, энең сени ачка жөнөттүбү? - деп сурайт.

- Ачка деле эмесмин ата, өзүңүз ичип албайсызбы? - Шакир Жакыпка сыр билгизбей карады.

- Жо-ок балам, ачка ооруп каласың, мен үйгө барганда ичип алам, - Жакып аны жылмая карап тирикарактыгына ыраазы боло башынан сылап коюп жолго түштү: "Атаңды-ын көрү-үү, бирөөгө кор, бирөөгө зар бала деп ушуну айткан да, өмүрүм жетээр бекен? Ушуну үйлөнтүп коюп өлсөм арман жок эле" деп үшкүрүп алып кетип атып кылчая карап койду.

Калыйпанын заар тили жүрөгүн оорутса, Жакыптын мээрими аны кубантып коюп күн өтө берди. Он бешке чыгып жетинчини бүткөн жылы Жакып ооруп жатып көз жумду. Ал өлөөрүндө балдарын, аялын чакырып:

- Мен тилегиме жетпей калдым балдарым, Шакирди бооруңарга тартып убагы келсе үйлөнтүп өз үйүнө алып барып бөлүп койгула, мен парзымдан кутула албай баратам, - деди аларга.

- Аткарабыз ата, сөзсүз Шакирди өз боорубуздай көрөбүз, - улуу баласы атасын жөлөй калып сөз берди.

Калыйпа үн деген жок. Ошентип Жакып да оо дүйнө салды. Шакирге өтө оор тийди, жөлөк болоор атасынын көзү өтүп кеткени. Калыйпа ага уу тилин агытып күндө урушуп окууга да жибербей койду, ал ошого да кайыл кышкысын малга чөп салып, уй-койдун короосун тазалап, көң тебелеп жаны тынбайт. Анысы аз келгенсип отун-суунун баарын даярдайт, колу дурдуюп кесилип кечкисин жарылган жери канап, таңып алса да оорутканынан бир жолу каймактан колуна сүйкөп атса:

- Өлүгүңдү көрөйүн куу тумшук, эл жегенге таппай атса, сен колуңа шыбап атасың да, дегеле мунун жанынын ширинин! - деп Калыйпа колго чаап каймакты ары алып койгондо:

- Апа, колум жарылып кетти, ооруп атат! - деп ыйлап ийди Шакир.

- Көзүңө ак түш! Эчтеке болбойт, ичегиң чыгып кетмек беле? - Калыйпа ага акшыя карап чыгып кетти.

Шакир ыйлап сыртка чыгып кайра өз ишине киришти. Коңшуларынын балдарынын ойноп жатканын көрүп өзүнчө: "Мен дагы ата-энем болсо ойнойт элем го, эмнеге менин атам да, апам да өлүп калды? Өлбөсө мен элдин балдарындай окуп, ойнойт элем..." деп ойго батып турганда Калыйпа кыйкырып калды.

- Эмне болду апа? - Шакир үйгө баш бакты.

- Дарт оозуңа, эмине болду деп койот, үйдө кашык суу жок, алып кел тур!

- Азыр, - Шакир улутуна чакаларды алып сууга жөнөдү.

Үстүндөгү куфайкасынын жеңи узун, кир, шымы андан шалбырап, чоң керзовой өтүктү кийип чака кармап сууга бараткан Шакирди балдар шылдыңдап калды:

- Карасаңар тигини, кийимин карасаң, өтүгүчү!

- Ай-ий, кебетесин карачы, жүдөмүш!

- Ал жетим да, ата-энеси жок... - деп күлүп калышканда өздөрү курдуу кыз:

- Койгулачы, аны эмне шылдыңдап атасыңар, башыңарга келсе отурасыңар! - деп аларды тыйды.

- Ага эмне бооруң ооруп атабы?

- Аа-а билдим-билдим, ал сага жагып калыптыр! - дагы бир кыз ага тийише кетти, - Шакир кошуу Гүлсүн!

- Оозуңа карап сүйлөчү, адам боорукер болуу керек, жыгылып калса тургуз, ыйласа соорот, кайгырса көңүлүн көтөр деп дайыма айтат апам, - Гүлсүн аларга карап акыл айта баштады.

- Ой боорукер кыз, анда Шакирди сооротпойсуңбу?

- Эмнеси бар экен, сооротсо сооротуп, көңүлүн көтөрүп койгонго эмнеге болбосун?

- Ал окубай да калды го? - деди балдардын бири.

- Ата-энеси болбосо окубайт да. Жакып аба барда окуучу, - деди Гүлсүн.

Балдар Гүлсүндүн сөзүнөн кийин Шакирди шылдыңдабай калышты. Шакир колунун жарылган жери чаканы көтөргөн сайын канап ооруганына карабай сууну көтөрүп кирип кетти.

- Аны коюп кой да көңдөн кемегеге калап кой, кир жууганча суу ысып калсын, - деди Калыйпа ал кирээри менен.

Шакир унчукпай чыгып кетти. Калыйпа өзү тамак ичип отурган экен. Шакирдин карды ачпы-токпу, ойлоп дагы койбоду. Ошол күнү улуу баласынын баласы менен кызы келип калды. Алар шаарда жашагандыктан келгенде эле Шакирди жактырган жок.

- Ай-ий, эмнеге кийими кир, колдору жара? - кызы Саламат аны жийиркене карады.

- Ошо жерге кирсин, жуунбаса кир болот да кызым, жолобой эле кой, - Калыйпа мурдун чүйрүй Шакирди жаман көзү менен карап койду.

- Кетирип ийбейт белеңер, чоң апа, - Небереси Нурдин өзү курдуу Шакирди теңсинбегендей карап койду.

- Жүрө берсин уулум, сырттагы жумушту ким кылат, малды да бирөө караш керек, мен картайдым.

- Аа-а, койчу дебейсизби? - Нурдин аны жийиркенгендей карап койду.

Шакир сыртка чыгып кой менен уйга чөп салып коюп өзү чөп артына отуруп ыйлап жатты: "Болду, мен эми биерге турбайм, качып кетем. Ушундан көрө жетимдер үйүнө таштап койсо болмок, качанкыга ушинтип жүрө берем? Же кардым тойбосо, кийимим жыртык. Жаным тынбай иш кылсам да жакпасам, эмнеге бул жерде жүрөм?" деп ойлонуп отурганда:

- Шаки-ир, аа-ай Шакир, өлүгүңдү көрөйүн шүмшүк, кайда кетип калдың, өлөткө кеткен жексур. Ушуну үчүн жетим калган да!

- Апа, эмне болду? - Шакир жеңи менен көзүн аарчый анын жанына келгенде:

- Өлүп кет! - деп башка бир чапты, - Деги айттырбай кылган күнүң болобу ыя?

- Азыр эле чөп салып бүттүм...

- "Шалып бүттүм" деп тим эле тоону томкоруп койгонсубай тиги тоодогу жылкыны карап келчи, жүрөт болду бекен. Жалгыз жылкыны өлтүрүп албайлы, бол тез эртерээк жөнө!

- Ма-акул, - Шакир саал тарткынчыктай туруп калды, - Апа, кардымы тойгузуп алайынчы, кардым ачты...

- Тойбогон өлүксүз, "кардым ачты" дегенин кара! Өлүп баратсаң кирип айрандан ичип нан жеп ал! - Калыйпа аны каарый үйгө кирди, - Дегеле тойдум дегенин көрө элекмин.

- Качан мага бирдеке бердиңиз, бир күндө бир сындырым нан зорго бересиз го, кечке ачка жүрөм? - Шакир тултуя аны карады, - Тойбоду дейсиз, жакшыраак тамак иче элекмин...

- Өлүп кеткир ий, тойбосоң кой, бол бирдеме жалмап ал дагы жөнө! - Калыйпа кесеге айран куюп, сындырым нанды алдына койду да, - Бол, ичип алып жөнө!

- Азыр... - Шакир айранды иче баштады.

- Капырай, ушун үчүн ата-энесин жуткан шүмшүк да, дегиле мени менен айтышып калганын кара? - деп наалып, каргап шилеп атты.

Шакир эшек менен тоого жөнөдү, жолдо бир аз карды тойгонго, жайкы салкын абада, аңкыган жыпар жыттуу гүлдүү талаада баардык түйшүктү унутуп салып эргий ырдап баратты. Ушул саам өзүн бактылуу сезип, үстүндөгү жыртык кийими кир экенине карабай, буту-колунун чору канталап баскан сайын канап жатса да көңүлү сергилең тартып: "Мен да чоңойсом адам болоормун, үйлөнсөм атамдан калган эски тамды оңдоп жашай берем, азыр кеткенде ким жардам бермек эле" деп ойлоп алды. Кечке маал зорго жылкыларга кошкон бээсин карап таап, анын желини жетип калганын көрүп кайра түндөп келип калды. Айылга кире бергенде анын алдынан бир аксакал карыя чыга калды, ал ошол айылдык Камчыбек деген эле:

- Ээ балам, кимдин баласысың? - деди күндөн көзүн калкалай.

- Жакыптын... - Шакир ага өзүнүн атасын айтпай атайы ошентти.

- Аа-а, тиги бечара Калыктын уулу окшойсуң, сен өз атаңдын атын өчүрбөй жүр, эми жигит болуп калган турбайсыңбы. Жакыптын балдары көп, сен мындан ары өз атаңды айтып жүр! - деди Камчыбек карыя.

- Сиз менин атамды билчү белеңиз? - Шакир атасы жөнүндө угууга дилгирлене чалды көңүл бура карап калды.

- Билбей анан, абдан жакшы жигит эле, согуш алааматы не деген өрттөй күйгөн жигиттерди жалмады го, дагы ошол Калыктан тукум калганына шүгүр, айла-анайын чоңоюп калыпсың, эстүү бол, - Камчыбек карыя калып калды.

- Раxмат ата, мындан ары өзүмдүн атамды айтып жүрөм!

Шакир карыянын артынан кыйкырып бурулуп үйүнө жөнөдү. Келсе аны күтүп короодогу койун киргизе элек экен. Калыйпа малын жайлоого кошуп ийген, арык-торуктарын алып калган, бир ую тууганы турат. Көбүнчө чөп жулуп салышчу, көк чыкканы эски чөптү мал дагы карабай калбадыбы. Нурдин менен Саламат чоң энеси болуп тамак ичип отурган экен. Ал кирип келип эле дасторкон четине отура бермек болгондо Нурдин менен Саламат ордунан туруп кетмек болду эле, Калыйпа:

- Самтырап балдарды жийиркентпей бара турчу, анан деле ичээрсиң, - деди жаман көзү менен карап.

Шакир унчукпай чыгып кетти. Ызаланып ыйлап алды: "Энеңдурайындар, менден жийиркенип калганын! Жанагы ата-энең өлүп калса көрөт элем" деп ары-бери басып жүрдү. Ошол убакта оолунун ары жагынан дабыш чыкты:

- Сен кимсиң? - Шакир басып барып сурады.

- Мен эле, бери келсең, - Ал Гүлсүн экен.

- Эмне болду? - Шакир аны карап тартына сурады.

- Мен сага нан, сары май алып келгемин, жейсиңби?

- Жок, мен ачка эмесмин, - Шакир андан корунуп, уялганынан куру намыска корсоюп койду, - Мени ачка деп ойлодуңбу?

- Шакир, сен жакшы баласың, ал эми биз коңшубуз, бири-бирибизди сыйлашыбыз керек!

- Билип атам, - Шылкыйып турду ал, караңгыда жүзү көрүнбөсө дагы.

- Билсең анда мага түшүнөсүң, биз классташпыз да?

- Аны деле билем... окууга баралбай калдым.

- Эчтеке эмес, окубагандар азыр көп, колунда бардар, жашоосу тыңдар окутуп атышат. Кел Шакир, нанды сары май менен жеп ал, жанагы энең чыкса айкырып жүрбөсүн?

- Маакул.. - Шакир анын колундагы нанды алып чыныдагы майдан сыйпап жеп отурду.

Гүлсүн ага берип коюп жүгүрүп кетти. Ошондон баштап Гүлсүн күндө кечинде нан, айран, кээде ичкен тамагынан алып келип караңгыда берип жүрдү. Экөө абдан ынак да болуп кетти. Антип-минткиче Гүлсүн мектепти аяктап калды. Шакирдин үстү башы оңолбоду, бирок ал кийимин өзү жууп тазалап алчу болгон. Ал үчүн жайдын күнү эң сонун күндөрдөн болчу, суу жээгине барып кийимин жууп ташка жайып койсо бат эле кургап калат, Гүлсүн экөө кечинде жолугушуп жүрүп, бири-бирин сүйүп калганын сезгенде Шакирдин аргасы кетти.

- Гүлсүн, - деди ал ошондой кечтин биринде, - Сени ата-энең мендей жетим балага бербейт чыгаар?

- Эмне үчүн? Мен өзүм билем, мен мал эмесмин алар каалагандай сата турган.

- Баары бир тууганым да жок, жетим баламын, мага сени бербейт го деп корком, - Шакир башын жерге салды.

- Шакир, сен ойлонбой эле гой, апамды билбейм, атам менин тилимден чыкпайт, менин каалаганымды аткарат.

- Гүлсүн, мени жакшы көрөсүңбү?

- Ооба, мен сени жанымдай жакшы көрөм, а сенчи? - Кыз уяң жигитти карады.

- Мен деле жакшы көрөм дечи, менин эч кимим жок Гүлсүн, сенден корком, башка бирөөлөр алып кетип калабы деп...

- Эч коркпо, мен сендикмин, - Гүлсүн аны жадырай карап көңүл көтөрө күлүп койду. - Бирок азыр экөөбүзгө тең эрте, бир-эки жылдан кийин үйлөнөбүз.

- Мен деле ошентип ойлойм. Гүлсүн, мени таштап кетпейсиңби ыя?

- Эч жакка кетпейм, мен сенсиз жашай албайм деп атама айтам! - Гүлсүн шоктоно кыткылыктап койду, - Кечинде мен сага жакшы кийим алып келип берейинби?

- Билбейм... - Шакирдин башы шылк эте түштү, - Сен мени жетим деп кемсинтип жатасың го, ээ? - Кызды көз кычыгынан жаш сызылта караганда Гүлсүн:

- Шакир, антпечи! Мен сени кемсинтпейм, ал тургай сага үйдө жакшы нерсе болсо баарын бергим келет.

- Раxмат Гүлсүн. Мен эми иштеп, атамдан калган үйдү оңдошум керек...

- Баары болот, кабатыр болбо, мен ата-энемдин жалгыз кызымын, жети агам бар, алар бизге жардам беришет, - Гүлсүн Шакирдин үмүтүн улап көңүлүн көтөрө жылмайды, - Адегенде сен аскерге барып кел, аңгыча мен дагы чоңоюп калам...

- Алтыным десе, сен мендик болсоң болду, башканын мага кереги да жок, - Шакир кубанычтуу ага күлүңдөй карап койду.

Ошентип эки жаш бири-бирине дем берип күндө жолугушуп турушту.

Күн артынан күн кубалашып өтүп билинбей жаз келип, Шакирди аскерге чакырып калышты. Ал ошондон бир ай өтпөй аскерге жөнөдү. Кетээрде Шакир менен Гүлсүн жолугушуп көпкө сүйлөшүп отурушту.

- Гүлсүн, мени күтөсүңбү?

- Сөзсүз, сен жокто мен бир адам менен сүйлөшпөйм, а сен мага тез-тез кат жазып тургун, ээ?

- Ананчы, күндө колум бошосо күндө жазууга аракет кылам, сен мени күтсөң эле болду.

- Албетте күтөм, сен зыңкыйган солдат болуп келсең, анан иштеп үйүңдү оңдосоң үйлөнүп алабыз, - Гүлсүн аны уяң карай жылмая, - Анан сен аяктан орус кызга үйлөнүп алып жүрбө? - деп койду.

- Койсоңчу, ансыз да атамдын тукумун улаар жалгыз мен болсом, жетимдиктин азабын аябай тарттым. Орустун кызын алып алсам атамдын арбагы кечирбейт...

- Капа болбочу, мен сени капа кылайын деп ойлогон эмесмин, аман-эсен барып кел, мен сени күтөм! - деген кыз аны өөп алып уяла жүгүрүп кетти.

Шакир ал өпкөн жерин колу менен сылай өзүн бактылуунун бактылуусу сезип, үйгө кирип ордуна жатып калды. Калыйпа аны узатаарда элден уялгандан боорсок жасап, азыраак эт бышырып берип жөнөттү:

- Жакшы жүр, кат жазып тур балам, - деп жүзүнөн сүйө узатып калды.

Шакир ошентип Одессага барып солдаттык жашоону башынан кечире баштады. Кат жазып жөнөтүп турат, күндө эмес ай сайын кат жазып Гүлсүндөн кат алып көңүлү куунак, кыздын каты ага канат бүтүрүп асманда каалгып учуп жүргөн эркин куштай өзүнчө кубанычка жүрөгү толкунданып алат. Билинбей эле эки жыл аяктап аскерден бошоноордо дагы кат жазды. Ал каты Гүлсүндүн агасынын колуна тийип калып, ал ата-энеси менен ортого алып карындашына тыюу салып кирди:

- Эч кимиси жок жетим баладан эмнени күтүп жүрөсүң ыя, сени ага бермек турсун жолотпойм, ал жетимди келсе өлөрчө сабап сага жологус кылам, - Ачуулана сүйлөп отурду, - Сени ал келгенче күйөөгө берем, өзүңдүн бактылуу болушуңду ойлосоң мен айткан жерге барасың!

- Мен башкага тийбейм, жетим баланы кемсинткенде кантип болсун, андан көрө ага жардам бергиле да, - Гүлсүн агасынан тайманбай сүйлөгөндө апасы урушуп калды:

- Капырай, акыр замандын балдары, агаңдан уялбай кантип ушуну айтып атасың ыя?

- Өзүңөр сүйлөтүп атпайсыңарбы? - Гүлсүн ыйлап төркү бөлмөгө өтүп кетти.

Ата-энеси, агасы болуп кеңешип, аны ушул жумада күйөөгө бермек болуп жатты, бирок Гүлсүнгө көптөн бери көз салып жүргөн бир жигит эртеси эле ала качып кетти. Отурбай ыйлаган кызын жеңесин жиберип: "Отурбай турган болсо үйгө келбесин, баягынын кызы дедирип элге кеп кыла турган болсо андай кызыбыз жок деп топурагыбызды түйүп беребиз" дешип атып отургузуп койду. Анын кеткенине он күндөй болгондо Шакир канаты жок учуп келе жаткандай селкисинин жүзү көз алдына элестеп келатты...

Эгер анын күйөөгө качып кеткенин укса келмек эмес. Кеч күүгүмдө кирип келди. Калыйпа неберелери менен жатканга камынып жаткан. Зыңкыя кирип келген аскер кийимчен Шакирди көрүп ыйлап-сыктап тосуп алды. Эртеси Гүлсүндү ала качып кеткенин угуп бар бактысын бирөө уурдап алган сымал айласын таппай айылдын четинде жалгыз басып жүрдү: "Эx тагдыр, неге мынча катаалсың? Мен үчүн ушундай азаптын күтүп турганын билсем келмек эмесмин" деп өзү менен өзү кыжаалат болуп басып жүрүп, үйгө кечинде келди. Анын келгенине Калыйпа көнүмүш адатынча кайдыгер абалда тоңдоосун мамиле кылды, элдин балдарындай аны жөнөтүп жатканда да, келгенде да бир улак союп койбоду. Шакир баарын билип турат, не демек, өзү үчүн төгүлүп чачыла турган апасы болбосо, сыймыктанчу атасы болбосо эмне кыла алат?

Ал аскерден келгенден кийин көп турбады, анткени ал жерде жүрсө дагы эле баягы түйшүк күтүп турганын сезди: "Өз оокатымды өзүм өткөрө ала турган куракка келдим, иштешим керек, буларда жүрсөм дагы эле кул болчудаймын" деп ойлоп шаарга кетип калды. Калыйпа анын кеткенине чычалап жатты, бели бүкүрөйүп жашы жетимишке келсе да баягы кыялы калбаган эле:

- "Көтөрүмдү көтөрүп койсоң көтүңөн түртөт" деген ушу да, боор көтөрүп алып кетип калганын кара ботом, кеңешип да койбойт, - деди эле жакын коңшусу:

- Ай Калыйпа, сен ошо жетим байкушка күн көрсөткөн жоксуң го. Жакшы кийим кийбей, жакшы тамак ичпей чоңойду, анын да эсинде калды да?

- Кокус мен бакпасам эмне болот эле? Дагы ошончо багып чоңойтконума ыраазы болсун да, - Калыйпа коңшусун жаман көрө карады, - Сен багат белең ошону?

- Бечараны багып койсоң сообу тиет, ошондо Жакып аба болбосо мен деле багып алмакмын.

- Кыйратмаксың! Бирөөнүн баласы бирөөгө бала деле болбойт экен, үйлөнтүп койсомбу деп жүрсөм... - Калыйпа өзүнчө куйтуңдап койду.

- Үйлөнтүп аялы экөөнү жумшап оңойун деген экенсиң. Ошол акылың бар экен, башынан жакшы карасаң болмок, сенин заар тилиңден көңүлү калган бечара тургусу келген эмес да?

- Турбаса балакетимди алсын, жер жуткан өлүгүңдү көрөйүн, - ал үйүнө сүйлөнө кирип кетти.

Шакир өз келечегинин камы үчүн адегенде шаарга келип бир заводго кирип иштей баштады. Эптеп тапканын чогултуп жүрүп бир жылдан кийин Калыйпага келди. Зыңкыя кийинген, бир аз белек-бечкек көтөрүнүп келген Шакирди көрө Калыйпа талымсый ыйлап алды:

- Кагылайын десе, айтпай-дебей кетип калыпсың, мен болсо минтип карып калдым, эми атаңдын айтканын аткарып көңүлүм тынсын, аманатты аткарбасам көрүмдө тынч жаталбайм го? - деди.

Анын дагы көксөгөнү бар эле, балдары шаарга көнүп алып келбей койгон. Анда-санда каттабаса көп келбейт, союш керек болсо, акчага муктаж болгондо келип калышат. Карыган Калыйпага келиндеринин бири кызмат кылууну каалабайт. Ошон үчүн Шакирди үйлөнтүп өзүнө караан кылсам деген ойдо болду.

- Апа, мен өз атамдын очогун көргүм келет, үйүн оңдоп атамдын ордун жоктотпой ошол үйдө болсом дегем, - деди Шакир шар эле.

- Мейли балам, сени аерге өзүм алып барып көрсөтүп келейин, андан кийин үйлөн, менин кашымда бол өлгөнүмчө, - деди Калыйпа ага жал-жал карай.

Анын өз очогун эңсегенине жини келсе да баягысындай аны бир чаап же каргап шилегенге даай албады. Эртеси эле анын атасынын эч ким кирбей жепирейип кулайын деген үйүнө ээрчитип барды, отуруп алып куран окуду. Бул бир кезде бактылуу эне-бала жашаган үй жетимсиреп турганына Шакирдин жүрөгү ооруп: "Чоң эне, ата, жетим жүрүп жетилген уулуңар келди, эми бул үйдө буйруса неберелериң ойноп силердин арбагыңарды эскерип турабыз", деп каңырыгы түтөй ордунан турду. Коңшуларынын баарынын үйлөрү оңдолуп-түздөлүп калыптыр. "Калыктын үйү" дешип ар убак атын эскерип турчу коңшусунун бири басып келип Шакирдин жайын билгенде:

- Азамат айланайын, жетим жетилет деген ушул, очогуңдун отун өчүрбөйм деп келгениңе ыракмат, Калык менен чоң энеңдин арбагын бир козголткон экенсиң, - деп кубаттап атты.

- Ооба, жетим болдум, жаш болдум, эми өз туурума кайтайын деп турам, - деди Шакир.

Калыйпа буларды угуп отуруп ичинен: "Куураган шүмшүк, бул мага жакшылык кылбайт, үйлөнбөсө кара жерге кирсин, андан көрө өзүмдөн айтсын" деп ойунан кайтып үйүнө карайып келди.

Шакир анын ойун билбей көпкө жүрдү, бирок үйлөн деген сөз чыкпаганынан кайра шаарга кетип калды да, иштеп жүрүп бир келинге жолукту. Каным менен үч жылдай чогуу жашап, татуу күндөрүн өткөрдү. Бирок балалуу болбогондон кийин андан кетип калды. Орто билим ала албаган менен аскерге барып келгенден кийин орусчаны сүйлөгөнгө жарап калган. Айлыгы дурус жумуш болбогон соң улам бир жумушка илээшип, эптеп өз жанын багып зорго жашап жүрө берди. Атасынын ордун басып, үйдү оңдойм деген ою ордунан чыкпады. Күнүмдүк жашоонун кулу болуп убакыт өтө берди. Бир күнү жумуштан чыгып көңүлү чөгүп келе жатса алды жагынан тааныш келинди көрүп жүрөгү "болк" эте көпкө карап туруп калды эле, ал жакындай берип:

- Шакирсиңби? - деди күлө карап.

- Ооба, сиз кимсиз? - Шакир ага карап таңгала сурады.

- Таанып ал, мен сага айтпайм! - деди тигил ого бетер күлө.

- Сен... - сен Гүлсүнсүңбү?

- Тааныдың, унуткан эмес экенсиң, - Гүлсүн анын маңдайына келе колун сунду, - Кандай Шакир, амансыңбы?

- Жакшы, өзүң кандай, Гүлсүн? - Шакир аны таарынычы тарай элек жаш жигит кезиндегидей карады.

- Кудайга шүгүр, жүрөм, өзүң көргөндөй элемин.

- Ээ Гүлсүн, мен сени кандай сүйдүм эле, кандай гана кубанып келбедим беле, мени күтө албадың го, же менин жетимдигимди теңиңе албадыңбы?

- Шакир, андай болгон эмес, мен сени абдан күттүм, бирок сен келээрде ала качып кетип калбадыбы. Деги алсыздык кылдым, кыздар ошондой экенбиз. Эми баары өттү-кетти. Андан көрө өзүң жөнүндө айтчы, жашоо кайда, кандай жашап жатасың? - Гүлсүн аны күлүмсүрөй карады.

- Жетимдин жолу тар болот экен, дале баягыдаймын, өз жолумду табалбай эптеп жашап жүрөм, - Шакир муңайым ага карады, - Өзүң кандай, балалуу болдуңбу, бактылуусуңбу, ачыгын айтчы?! - Гүлсүндү колунан кармай сурады.

- Кайдан, мен эбак эле ажырашып кеткем, бир кызым бар, аны айылга таштап иштейин деп келгем.

- Мен бактылуу болбосом дагы сен бактылуу болсоң болот эле, канча тиледим, сенин бактылуу болушуңду.

- Болоору болду Шакир, адам жакшылыктан үмүтүн үзбөш керек, ийгиликтин эрте кечи жок дешет го карылар, бир күнү багың ачылаар, тагдыр болбосо балким бирге болмокпуз, айла канча?

- Гүлсүн, азыр кайда туруп атасың? - Шакир аны ийинден ала кучактай сурады, - Эгер туура көрсөң чогуу жашайлыбы?

- Шакир эми болбойт го, өз жолубуз менен эле бололучу? - Гүлсүн ага жоодурай карады, - Мен эми сага бакыт тартуулай аламбы?

- Бири-бирибизди сүйгөнүбүз жалган беле Гүлсүн? Менин кандай абалда жүргөнүмдү көрүп-билип туруп сүйүүңдү мага тартуулагансың! Ошол кезде мен кандай гана бактылуу болуп жүрдүм, сенин карааныңды көрүү мен үчүн өзүнчө эле майрам болчу, кардым ач, киймим жыртык экени эсимен чыгып кетчү...

- Менчи Шакир, мен дагы сени ушундай катуу сүйгөмүн, күйөөмдү сенчелик сүйө албай бир кызымды алып баса бергемин, эки жыл болду.

Экөө көпкө чейин өткөндөрүн эскерип басып жүрүштү. Акыры бир чечимге келишип, чогуу жашамак болушту. Шакирдин көңүлү көтөрүлүп тагдырына ыраазы болчу ошол кезде, экөө тең иштеп кечинде үйгө келет, бири-бирин сагынышып, жыргалын кандырышат.. Бири-бирине болгон сүйүүнү алар түбөлүк деп ойлогон эле, бирок тагдыр бул жолу дагы Шакирди ара жолдо калтырды. Ошол күнү жумуштан кеч келе жаткан эле. Батирине кире берээрде Гүлсүндүн шыңк эткен күлкүсү туура жактагы бактын арасынан угулуп токтой калды: "Биякта Гүлсүн эмне кылып жүрөт?" деген ойдо акырын аңдып караса, ал бирөө менен кучакташып туруптур.

- Азыр ал келип калат, мен кетейин, эртең ушул жерден жолугалы, - деди Гүлсүн.

- Койо турсаң эми, жолугуп эле кетип каласыңбы? - деп анын жанындагы неме өөп жатканы угулду Шакирге. Башынан токтоо неме чыдап тура берди.

- Күйөөм билсе өлтүрөт, азыр билгизип кереги жок, аны да аяш керек. Билсең, ал мени сүйөт, - Гүлсүн шашып жаткандай болду.

- Күтө турат да, жумуштан кеч чыктым деп койосуң, - Ал күлүп калды, - Аялдардын амалы кырк эшекке жүк дешет го, бирин колдонуп койбойсуңбу?

- Ай кой, мен анте албайм, анын сүйүүсү абдан күчтүү, сен мени андай сүйө албайт болушуң керек? - Гүлсүн шыңк эте күлдү.

- Мен го сени абдан сүйөм, а сен мени сүйөсүңбү же күйөөңдөй сүйө албайсыңбы? - Алардын өбүшкөндөрү угулуп атты.

- Мен чынын айтсам аны аяп эле сүйөм, болбосо сендей сүйө албайм, байкушту кантип таштайм?

- Бирөөнү аяйм деп өз бактыңды өзүң талкалайсыңбы?

- Жок ай, акыры кетем да, азыр биздин жашап жатканыбызды ата-энем билбейт, нике деле кыйдырбай жашап жүрөбүз.

- Анда жолуң ачык тура, жүрү азыр кетип калалы, - Ал жигит Гүлсүндү кучактап койо бербей атты.

Мунун баарын көрүп-угуп турган Шакир: "Энеңдурайын, десе аялдарга ишенип болбойт тура. Маа десең азыр кете бер, сени көрөйүн деген көзүм жок" деп колун шилтей басып баратты. Бир ою экөөнө жетип барып тигинисин сабап, Гүлсүндү өлтүрүп койгусу келди, өзүн-өзү карманды. Бөлмөсүнө келип жуунуп эмелеги уккандары кулагынан кетпей, түндө эле мойнуна колун ороп алып: "Сенсиз жашоомду элестете албайм, ушундай сүйгөн экемин, болсо Олжобай менен Кишимжандын сүйүүсү биздин сүйүүдөй болгондур" дегенин эстей түкүрүнүп алды: "Бети жок, ошону менен жашаганыңды көрөм, көрсө аягы суюк аял болгон тура, унчукпай эле кетип калайын" деп өзү чай кайнатып ичип отурганда Гүлсүн кирип келди:

- Сен келип калдыңбы? Мен бир аз кармалып калдым, эртең дагы бир иштер бар, кечирээк келем го? - деп чечинип үйгө кийчү халатын кийди да, Шакирдин жанына келип аны жаагынан өөп койду, - Эмне кабагың бүркөө?

- Жөн эле, башым ооруп турат...

- Жылуу жат, эртең жумушуңа барбай эле доктурга көрүнсөңчү? - деди заматта камкор аял көрүнө.

- Жо-ок, жумуштан калалбайм, - Шакир бир-эки чыны чай ичип жатып алды.

Гүлсүн анын үстүнө үйрүлө калып төшөк салып берип жылуулап жаап койду. "Тобо-оо аялдардын баары ушундай болобу?" деп ойлогон Шакир уйкусу качып эртеңки жашоосунун кандай болооруна көзү жетпей ичинен сыздап тагдырына таарынып жатып, таң ата турду да кетип калды. Ошол бойдон кайрылып келбеди. Бир айдан кийин Гүлсүн анын иштеген жерине келиптир.

- Эмне болду? - Шакир ага чекесин тырыштыра суроо берди.

- Эмне болмок эле, үйгө барбайсың, өзү келээр десем жоксуң, анан өзүм келдим, - деди кашкая тартып эч нерсе болбогондой.

- Гүлсүн, мындай комедияны мени менен ойнобо, мен сага эми ишенбейм, ишендирем деген оюң ордунан чыкпайт дагы. Өз жолуң менен бол, жаман-жакшы айтышпайлы, көңүлүмдү көтөрүп жалган сүйүүңдү таңуулаганыңа ырахмат! - Шакир басып кетти.

- Шакир, эмне деп жатасың, мен сени чын жүрөгүм, таза сезимим менен сүйбөдүм беле?

- Аны ошол жигитиңе айтсаң ишенээр, мен ишенбейм!

- Кайдагы жигит, эмне деп жатасың? - Гүлсүн калп чыйпылыктап ага актанып жатты, - бир ушак уккандырсың, болоор-болбоско өз жашообузду бузганыбыз кантип болсун?

- Эмне? - Шакир кайрылып келип Гүлсүндү ийнинен силкилдетип жиберди, - Көзүм менен көрүп, кулагым менен уккандын баарын калп дечи! Демек, ал сен эмес, сенин элесиң тура, ээ? - Көздөрүнөн заар чачырай тамырлары көөп чыкты, - Ошондо барып сени тырпырата сабап, экөөңдү тең өлтүрүп салышым керек беле?

- Эмне деди-иң? - Гүлсүн сөз айталбай артка кетенчиктей, - Кечир... кечирип кой Шакир... - деп ыйлаган бойдон жүгүрүп кетти.

Шакир анын артынан көпкө карап туруп өз ишине киришти. Ошол бойдон аял аттуудан көңүлү калып, аял аттууга жолобой жалгыздык менен өмүрүн өтөп келди...

- А сен Гүлсүндү кечирип жашап калсаң болбойт беле? - Зуура ага карай суроо берди.

- Жо-ок, аны кечирмек турсун аял аттууну көргүм келбей калды. Ошондон кийин ал дагы бир жолу каталыгын мойнуна алып кечирим сурап келди, бирок мен болбодум.

- Өтө эле кекчил окшойсуң? - Зуура жылмайып койду.

- Кекчил эмес, кечире албадым, эркек болуп мен жасабаган ишти аял башы менен жасап атса, ишенимимди өлтүрүп жатса өзүң ойлочу, Зукеш?

- Мейли эми, өткөндү эстеп көңүлүң чөгүп калды, уулуңду алып турчу, мен эшикке чыгып келейин, - деп Зуура уулун Шакирге карматты.

- Ээ кагылайын уулум, күлүп койчу садага, кана атаңа күлүп берчи, кубанып калсын, - деп наристени колтугунан ала көтөрүп койгондо ал култуң эте күлүп койду эле, - Айла-анып кетейиним десе, күчүгүм экен да ушул.

- Уулуң экөөң эркелешип атасыңарбы? - Зуура кирип аларды карап күлүп койду.

- Ээ Кекин, күлүп койчу уулум, кана, кана күлүп койчу, мына карачы апасы, уулуң күлүп жатат, - Шакир уулун өпкүлөй кубанып атты.

Кубануу жана күтүү сезимдерин өз кучагына алып, бул жубайлар өмүрлөрүнүн калган бөлүгүн ушинтип өткөрүүгө өздөрүнчө ыраазы.

Билинбей беш жыл өтүп кетти. Керимбек такылдап сүйлөгөн шок бала болуп баратты. Атасынан калбайт, кайда барса жанында. Бир күнү сыртта ойноп жүрүп ыйлап кирди. Кийиз жөрмөп отурган Зуура чоочуп кетти.

- Эмне болду балам, ким урду?

- Оногу... оногучу, Дастан мени "сен таштандысың" дебедиби, атаң-апаң башка дейт, үү-үү! - мурдун шорулдата тартып жеңи менен аарчып койду.

- Аны шашпа, карасаң тим эле, сени көрө калыптырбы? - Зуура кепичин бутуна иле Керимбекти жетелей сыртка чыгып Дастанды издеди, ал көрүнбөгөнүнөн анын үйүнө барды.

- Кел, кел, Зуура? - Коңшусу Сүйүн аны утурлай басты, - Келип калыпсың, эзели келчү эмес элең? - Күлө карады, - Кандай жумуш?

- Эмне жумуш болсун Сүйүн, балдарга бирдемени айтпай эле койсоңор болмок, - Зуура ага таарыныч кыла сүйлөдү, - Өзүңөр ушуну "багып ал" деп жакшылык кылдыңар эле, эми баланын көңүлүн оорутуп...

- Ай Зуура, айтчы деги, эмне болуп кетти? - Сүйүн аны түшүнө бербей суроолуу карады.

- Дастан Керимбекти "таштанды!" деп урушуптур. Ал мындан чоңураак эмеспи, түбөлүк коңшубуз, сый болгонубуз жакшы го?

- Ии-ий өлүгүңдү көрөйүн десе, келсин ошол азыр үйгө, аны өлтүрөм, - Сүйүн безилдей баласын каргап шилеп калды, - Жашабагыр десе, айтканын карасаң анын, оозун эле жырбасамбы?!

- Урбай эле түшүндүрүп койсоң Сүйүн, бул деле чоңоюп баратат, анча-мынча түшүнүп калды да?

- Түшүнбөй анан, кечирип кой курдаш, аны келсинчи үйгө, - деген Сүйүн Зууранын көңүлүн жубата жөнөттү, - Керимбекти урушканын кара!

Зуура үйүнө келип ойлонуп калды: "Ала кушту атынан айт" деген ушу да, акыры бу да түшүнөт. Мүмкүн таштаган эне сөрөйү да көздөп жүргөн чыгаар. Шакир экөөбүз кандай эмгек менен чоңойтподук, бир жума болуп боло элек бала эмес беле, ушинтип түйшүк башталды окшойт ээ?" деп шуу эте үшкүрүп алды. Ошол күнү Шакир үйдө жок болчу. Керимбек ошондон кийин балдарды жаман көрүп алар менен ойногонун койду. Бала болсо да жүрөгү ооруп "таштанды" деген сөзгө түшүнүп-түшүнбөсө да жаман сөз экенин туйган өңдүү. Бул сөздү Шакирге Зуура айткан жок. Жашоо өз нугу менен өтө берди. Жашоодо өзүнүн күнүмдүк өмүрү нугунда өтүп жаткан менен Зуура уулун эстегенде уйкусу качып өзөгүн өрттөгөн күйүт жеңип, акырындык менен ооруга алдырып баратты.

Жети жыл дегенде Темирбек түндө үйгө кирип келди. Зуура кубанычтан калдастап башынан суу айлантып чачып, кучактап алып солкулдап ыйлап жатты:

- Каралдым атам, ушунча да кечигесиңби кагылайын, сени күтүп кандай гана түндөрдү уйкусуз өткөрбөдүм, келгениң жакшы болбодубу? - деп күлүп да, ыйлап да жатты.

- Апа, шашылбаңыз, сыртта келиниң менен неберелериң бар, - Темирбек апасынын жообун күтпөй эле чыгып кетти.

Делдээ калган Зуура: "Эмне дейт, келиниң, неберең дейби? Ботом, анда жоолук алып чыгып салайын" деп сандыгын ачып карбаластап жатканда үйгө тапырап алар кирип келишти. Зуура өйдө боло берип, ого бетер денеси өлүп туруп калды. Анткени анын маңдайында сары чач орус кызы, жанында өзүнө окшогон эки сары бала турат: "Капырай, ушул орусту келиниң дебейт эле, булар чогуу келсе керек, келиним эми кирет го, уялып жаткан го?" деп жоолугун алып аларга карабай чыга жөнөдү, алдынан чыккан Темирбекти жылмая карап:

- Атам, канакей келин, киргизбейсиңби? - деди.

- Ой апа, мына келиниң, неберелериң турбайбы? - дегенде Зуура башына бирөө келтек менен чапкандай зыңгырап туруп калды да жыгылып түштү.

Темирбек Оля экөө аны төргө алып барып жаткырып карап отурушту.

- Что случилось, я ей не нравлюсь? - Оля Темирбекке карап калды.

- Да нет, просто так... - Темирбек ага жооп бере албай апасын карап отурду.

Керимбек уктап жаткан, Шакир жумушунда болчу. Керимбек ойгонуп көзүн ушалап аларды чоочуркай карап калды. Бир аздан кийин Зуура өзүнө келип аларды карай:

- Уулум, кыргыздан кыз таппадыңбы балам, эртең эл көрсө эмне дейт? - деди алсыз.

- Апа, силерди ушинтет деп келбей жүрдүм да. Мен өзүм сүйүп каалап үйлөндүм, мына неберелериң менен тааныш, - деп күлүп койду.

Зуура аргасы куруй балдарды чекесинен өөп, Оляга ак жоолугун салып:

- Кантейин уулум, аман-эсен келгениңе шүгүр? - деп кубанычын арман коштой ичинен тына отуруп калды.

- Апа, мен аз күнгө эле келдим, кайра кетебиз, эгер макул болсоңуз ала кетейин, - деди Темирбек.

- Эмнеге кетесиң балам, менин жалгыз экенимди эсиңе да албаганың эмнең, каралдым сенден башка кимим бар эле? - Зуура буулугуп ыйлап ийди, - Сенден күткөнүм ушул беле, сени келет деп үйдү оңдотуп, келин алам деп камынып жүрбөдүм беле?!

- Апа, мен өз карьерам үчүн ушуга үйлөнгөмүн, буйруса дагы беш, он жылда бакыйган генерал болуп калам, - деп апасын чачынан сылай өөп койду, - Тиги кимдин баласы?

- Ал сенин иниң, балам, - Зуура ага оозун кымтый ишарат берип койду.

Чынында Темирбек аскер кийими менен келген экен. Уулунун турушуна сыймыктанган эне эртеси койун союп коңшуларын чакырды. Темирбек да куру келбептир. Толтура буюм-тайым, кант-чай, таттууларын алып келген экен. Үч күн туруп кайра кетти. Кетээрде апасына бир боо акчаны карматып:

- Апа, эч кабатыр болбо. Акыры айылга айланып келем, ага чейин ойлонбой жашап тур, уулуң болсо бар экен, эрмек кылып жашап тур, келем кийин, - деди да машинасына балдарын, аялын отургуза жөнөп кетти.

Эл аны уу-дуу боло сөз кылып жатты:

- Байкуш Зууранын баласы тентек деп эле атчы элек, карачы, аскердик чинин жогорулатып иштеп жүргөн туура. Эси бар экен, Зууранын түшүнө кирбегендерди алып келиптир тим эле.

- Ооба десең, Зууранын бактысы чоң экен ай, минтип жоош, момун күйөөгө тийип, жалгызы өкмөттүн кишиси болуп калганын кара!

- Орустан аял алганы эле болбосо...

- Орустан алса да жашоону билет экен ай.

- Бечара жалгыз бала, көрсүн, - дешип кептери түгөнбөй атты.

Ошондон кийин Зууранын көңүлү ачылып калды: "Уулум адам болуп келет тура, эл суктанган уул болот деген ушул, уулум үчүн сыймыктанышым керек!" деп белин байлап жашоого жаңы жаралгандай өзүн жакшы алып жүрүп калды. Үйүн дагы оңдоонун ордуна үйдүн жанына чоң кылып кыштан там тургузмак болду. Жаз алды менен Шакир жумушунан чыкты. Үйгө керектүүлөрдү бүт түшүрүп алып ошол эле жылы уста салды. Шакир усталарга баш-көз болуп, тамды келиштирип күзгө чейин тургузуп коюп, үстүн жаап алды. Күзүндө Темирбек дагы акча салган экен, үйдү келиштирип бүтүрүп койду. Анан Зууранын элүү жашын жаңы үйдөн конок чакырып тосушту. Керимбекти отургузушту, той берип короо четине келиштирип дүкөн салды да, соода кыла баштады. Акыл менен урунса байлык жугат, кармана албаса чачылып жоголору бышык эмеспи, уулунун түбөлүк жашоосу үчүн алдыртан кам көрүп мал көбөйтүп атты. Бир-эки жылда малын көбөйтүп, коңшу-колоңдору андан карызга акча сурай башташты. Зуура баштагысынан жазбады, жокко мүңкүрөбөгөндөй эле барга да токтоолук менен карап калыбынан жазбады...

***

Зейнеп кайнатасынын үйүнө келгенде Баатыркан сыртта жүргөн эле. Аны көрүп утурлай басты.

- Кел балам, кел, ырас келбедиңби?

- - Келдим ата, Ырысбекке өчөшкөнүм менен балдарды кыя албайт экемин... - Зейнеп тарткынчыктай үйгө кирди.

- Ырысбектин атасынын оозун урайын, аны дагы алып келбесем болбой калыптыр, акыл айта берип тажадым, угаар түрү жок, - Баатыркан бакылдай алдыга кирди.

Балдары апасын көрүп биринен сала бири кучактап басып калды:

- Апа, биротоло келдиңизби?

- Эми эч жакка кетпейсиңби, үйүбүзгө чогуу барабызбы?

- Апа, сизди мен сагынып кеттим.

- Садага болойун десе, мен дагы силерди сагынып келбедимби, чогуу үйгө кетебиз ээ?

Аңгыча төшөктө жаткан кайненеси башын көтөрүп:

- Ыя айланайын Зейнеп, келдиңби деги, сени кетип калыптыр деп угуп сары-санаа болуп жаттым эле...

- Өзүңүз жакшы болуп калдыңызбы? - Зейнеп эңкейип учурашты.

- Бутум басса да бир жөн, балдарды кыйнап атам айланайын, Ырысбек ичип атат дейт, аны кантип токтотобуз, балам?

- Билбейм апа, канча айттым, мени укпайт, катуурак айтсам уруп-согуп кирет...

Зейнеп башын жерге сала даттанып атып: "Ушунун баарына Женянын күнөөсү зор, аны өлтүрдүм, өлбөй калса да мени табат, ошондо ачыгын айтам, дагы көрсөтөм ага" деп ойлуу ички үйгө кирип кийимин алмаштырды да көнүмүш оокат тиричилигин жасоого өттү. Келгенине он, он беш күндөй болсо да Женянын кабарын биле албай кыжаалат болуп жатты. Ырысбекти алып келем деп барган Баатыркан кайра келди. Ал келбей коюптур:

- Үйдүн ичи үй эмес эле сарай, ичип кусуп жата берип түгөттү, үй ичиндеги буюмдардан калбай баратат, - Баатыркан наалый үйгө кирди, - Муну дарылатпасак болбойт го?

- Дарылатпаса болбойт, - Зейнеп дагы кабатырлана кайнатасын карады, - Үй-жайды карабай калгандан кийин бузулганы, бир аялдын айынан ушул абалга келди...

- Эмне дейт? - Баатыркан келинин элээ карады.

- Ата, мен силерге айткан эмесмин, Базарбектин төрөгөн энеси күйөөгө тийип кетсе ошого ичип жүрөт!

- Курган бала, сен качантан бери билесиң?

- Баланы эшиктин алдына таштагандан аз өтпөй эле өзү айтып берген.

- Эми эмне кылабыз? Эптеп дарылаталы, доктурга жаткыралы. - Баатыркан сыртка карай чыгып кетти.

Зейнеп баары бир Базарбекти колго чаап, нукуп, кагып, сокконун койбоду. Баатыркан Ырысбекти ооруканага жаткырып коюп өзү күндө каттап турду. Үчтөн өтүп калган Базарбек өзүндөй балдар менен ойноп жүрүп жүгүрүп келди.

- Апа, нан бейчи, куйсагым ачты.

- Балакет жегир десе, ойноп турчу ары, өлбөйсүң! - Зейнеп үнүн пас чыгарып аны түртүп койду, - Бар эшикке чык!

- Нан жейм дебатам, чоң апама айтам, нан бейбейтат деп - Базарбек көгөрүп туруп алды.

Аңгыча өзүнүн кичүү баласы келип:

- Апа, нан барбы? - дегенде ары жактан үзүп берди эле, Базарбек дагы колун сунду. Өзү нан алып чыгып кеткен бала кайра баш бакты: - Апа Базарбекке да берип койчу, балдар нан жеп жүрбөйбү! - деди.

- Азыр эле бергем, сыртка чыгып итке берип кайра келип атабы бу шүмшүк? - Зейнеп аны зекий нан сындырып колуна карматты, - Экинчи нан деп келбе, кечинде тамак ичесиң.

Базарбек унчукпай колуна нан тийгенге кубана чыгып кетти.

"Өлүп кеткир, жакшы эле көрчү элем, эмне болуп жек көрүп калдым? Энесинин айынан ушинтип атам го. Ырысбекти болсо адам катарынан чыгарып коюп, өзү жыргап жүрөт" деп ойлонуп көпкө мелтирей отурду. Ырысбек ооруканада жатканда Зейнеп үйүнө барып үй ичин чыгарып тазалап, актап балдары менен жашап жатты. Баатыркан кыраакы адам, негедир Базарбекти алып калды. Зейнептин аны кагып-сокконун угуп калгандай: "Балам, Базаң бизге деле эрмек болот, сен балдар менен үйдү тазалап, актасаң ал кыйнайт" деп болбой койгон.

- Ээ кемпир, - деди ал бир күнү, - Баланын өмүрүн тилеп бактысын тилебеппиз да, карачы мобу баланы, Зейнеп муну жакшы көрбөйт экен...

- Чоңойтту дечи, тигинтип балаң аны "кет, кетпесең өлтүрөм" деп атса жек көрүп калган го, ушул кылып аткансып.

- Ошентсе ошенткендир... - деп кемпир-чал күңкүлдөшүп отуруп калышты.

Базарбек бала эмеспи, эч нерсе менен иши жок карды тойгонго томпоңдоп ойноп жүрөт.

Зейнеп ошол күнү ооруканага бараткан. Ырысбекке эки күндөн бери бир маал жолугуп келип атат. Экөө сүйлөшпөйт. Зейнеп ичтен экөөнүн жашоосу болбой калганын сезди, бирок эмнеси болсо да балдары үчүн жашоого бел байлады. Жолдо келе жатса туурадан бирөө аны карай сүйлөп калды.

- Чоң кыз, бирге баспайлыбы?

- Бара турган жериңиз ушул жакта болсо бара бериңиз, - Зейнеп мостойо жооп берип баса берди.

- Бир нерсеге капа окшойсуз.

- Болгон мүнөзүм… - Зейнеп көз айнегин албай аны карады.

- Абдан сулуу келин экенсиз, күйөөңүз бактылуу жан го, кыязы? - Бейтааныш адам жакындай берип, - Көзүңүз да сулуудур, көз айнегиңизди алып койсоңуз болоор бекен? - деди.

- Өзүм сулуу болгон менен көздөрүм коркунучтуу, элди чочутуп албайын деп дайыма көз айнек тагынып жүрөм.

- Тамашаны сүйөт окшойсуз?

- Тамаша эмес чын айтам, - Зейнеп ылдый басып баратса ал дагы аны жандай басты.

- Эмне болду эле, билсем болобу?

- Төрөлгөндөн…

- Кечиресиз, - Тигил адам аста аны карап коюп кала берди.

Зейнеп өзүнчө күлүп алды:

- Тобо-оо, кызык адамдар көп… - деп күңгүрөнө үйгө кирди.

Арадан убакыт өтүп Ырысбек үйгө чыгып келди. Үңкүйүп сүйлөбөйт, кирип чыгып өзүнчө жумуш кылгансыйт, бирок Зейнеп менен бетме-бет сүйлөшкүсү келбей жүрө берди. Ал дагы аны өз жайына койду. Жумуш издемек болду: "Кармалар деги эчтекем жок, балдарым чоңоюп калды, иштеп алайын, качаңкыга ушуну менен тиктешип отурмак элем" деп ойлоп кафеден жумуш таап алды. Күндө эртең менен эрте кетип, кечинде кеч келет. Өзүнө жарашыктуу кийинип алып көз айнек тагынып күзгүдө бир топко турду: "Мени кызгансын, эгер кызганбаса, көңүл буруп баштагыдай жашабаса каалаганымдай басып кетем, салпайып өзү калат" деп ойлоп оозуна помада сүйкөп, чачын жазып алды да көз айнегин тагынды: "Отуз эки, отуз үч жаш күлгүн эле курак эмеспи, азыр али жашмын" деген ойдо Ырысбекке өчөшүп, ызасынан эмне кылаарын билбей жүргөн келиндин алдынан бейтааныш адам дагы чыкты:

- Салам, чоң кыз!

- Арбаңыз! - Зейнеп басыгын токтотпой ылдамдап баратты.

- Аярлай туруңузчу чоң кыз, мынчалык кайда шашасыз?

- Барчу жагыма, көрүнгөнгө кайда баратканым кызык эмес чыгаар?

- Мен үчүн кызык, мүмкүн болсо бир мүнөткө! - Ал алдын тосо калды, - Менин атым Арстанбек, таанышып алалы? - Колун сунду.

Зейнеп аргасыз колун берди:

- Зейнеп. Сиз мени кечириңиз, шашып бараттым эле, жумуштан калып калбайын, эми таанышпыз… - Зейнеп жылмая басып кетти.

- Сиз менен таанышканыма кубанычтамын, - Арстанбек аны узата артынан сүйлөп кала берди.

Арстанбек үйбүлөсү бар жай адамдын бири. Алдында машинасы бар. Кээде өзүнчө ары-бери басып жүрө бермей адаты бар. Ошентип Зейнеп менен таанышып алып жаш кездегидей жүрөгү элеп-желеп болуп турду. Балким чын эле жаш өткөндөгү сүйүүнүн чындыгы барбы, азыр ал жалгыз гана Зейнеп жөнүндө ойлоно баштады. Күндө ошол жолдо, кээде эрте өтүп кетсе кээде кеч өтүп, арадан он күндөй жолукпай калганга бук болуп кетти. Зейнеп өзүнчө: "Кой, менин азабымдан алган жараты бир топ эле болду го, кечирим сурайын, мен энемин, аялмын, аял катары андан кечирим сурабасам болбойт го. Балада эмне күнөө, Ырысбек экөөбүздүн насибибиз бөлүнбөсө жашап кетээрбиз, болбосо көрөөрбүз, бул тагдырдын иши" деп ойлончу болду кийинки күндөрү. Азыр да Женядан кантип, кандай болгондо кечирим суроонун амалын таппай келатты. Ойлуу келатканда анын алдынан дагы Арстанбек чыга калды:

- Сулуу кыз, кандай?

- Жакшы, жакшы, - Зейнеп бул адамды бир саамга байыр ала карады, - Сиз өткөн-кеткен менен таанышканга устасызбы?

- Ананчы, өңгөдөн да сулуу кыздарды көргөндө!

- Ургаачы көрсөңүз кыздай көрүнө береби көзүңүзгө?

- Көзүм менен туюмум мени алдап көрө элек. Зейнеп, бир азга кобурашып отурсак кандай дейсиз, жакындан жакшылап таанышып дегендей…

- Менин убактым жок, жумушка шашып өтөм, шашып үйгө кетем, кечиресиз, - Зейнеп жөнөй берди.

- Качан жолугабыз анан? - Арстанбек аргасыз кала берди.

Зейнеп ал күнү жумушка эмес, Женяга бараткан.

Женя эжеси Назгүл күйөөгө тийип, ошого бармак болуп жаткан. Колунан келгенин алып камынып эртеси жөнөмөк. Эшик тыкылдап калды. Хазар аны "өзүң эле барып кел" деп жаткан болчу. Хазар келди го деген ойдо ачып жиберген Женянын бүткөн бою дүр дей түштү: "Бул эмнеге келди, дагы бирдеме кылып жүрбөсүн, эч ким да жок эле, эми канттим?" деп селдээ туруп калганда Зейнеп:

- Кандай Женя? - деди жылмая, - кирсем болобу?

- Кириңиз, - Женя чоочулай артына басты, ичи билинип калган.

Үй ичин карап, баарына саресеп салган Зейнеп азыр да ага ичи тарып турду: "Күйөөнүн крутойун тапкан экен. Көп баскан аяк бок басат дечү эле, бул бок баспай эле бактылуу болгон экен" деп саамга ойлоно калды да, кайра өзүн колго ала:

- Женя, мен сага жөн гана жолугуп сүйлөшсөм деп келгемин, өзүң билесиң. Карандай сенин айыңан Ырысбек ичкич болуп кетти.

- Анын баарын мага айтуунун кереги жокко дейм?

- Эмнеге, Женя? - Зейнеп каткырып күлдү. - Сен болбогондо үйүбүз үй, жайыбыз жай болуп тынч жашамакпыз, толук бактылуу элек. Биздин турмушубузду буздуң, Женя?!

- Эже, баары өткөн да. Мен аны "мени аласың" деп кыйнаган жокмун, "үйбүлөң бузулбасын" деп өзүм чыга бергемин!

- Болуптур Женя, сен менден коркпо, мен сага жаман ой менен келген жокмун, мындан ары жакшы мамиледе бололу деп эле келгемин.

- Андай болсо жакшы, отуруңуз! - Баятан бери кол салса коргонууга даяр турган Женя ага креслону көрсөттү.

- Чынын айтсам эркектер баарына күнөөлүү болушат да, анан аялдарды чабыштырып коюп жүрө беришет… - Зейнеп ойлуу отуруп калды.

- Ошону айтсаңыз, болбосо сиз экөөбүз кайдан душман болот элек?

- Ооба, негизгиси ошолордо күнөө, кызганыч адамды өлтүрүүгө алпарат, - Женя аны столго чакырды.

Экөө чай ичип отуруп кобурашты, күлүп да жатышты.

- Эже, мен сизден бир нерсе сурайынбы?

- Сура, мен сени угайын…

- Мен сизден бир өтүнүч кылайын, Базарбекти бир көрүүгө уруксат бериңизчи?!

- Женя! - Зейнеп ага ойлуу карады, - Баланы сенден талашпайм, ал сенин да, менин да балам. Сага аны биротоло бербейм, бирок аны сага алып келип берем, сагынганың тараганда кайра өзүмө берип турасың, макулбу?

- Макул эжекебай, мен бир эле көрүп өөп-жыттап алсам болду! - Женя Зейнептин жанына келип кучактап калды, - Кең пейил эжекем менин.

- Экөөбүздү Ырысбек душман кылып койбосо…

- Эжеке, эми баары өттү, түшүнбөстүк менден кетти, эми жаңылбаска аракет кылам.

Экөө сүйлөшүп отурганда Адинай менен Эрмат келип калды. Зейнеп кетүүгө камынып үйдөн алар менен коштошуп чыга берди. Женя ага ыраазы болуп калды: "Жакшы эле аял экен. Баарына Ырысбек гана күнөөлүү, аз жерден өлүп кала жаздадым" деп ойлуу Адинайларга чай берип бакылдашып отурганда Хазар келди. Эртең алар Назгүлдүн тойуна барышмак. Бирок Хазар:

- Жазгүл, бир күн кийин баралы, болбосо сен Адинайлар менен бара бер, менин жумушум чыгып жатат, - деп калды.

- Хазар, күйөөм туруп жалгыз барганым болбос, бир күнгө эчтеке болбойт, чогуу эле барабыз. - деди жаркылдай.

Баатыркан уулунун жашоосунан кабатырлана эки күндүн биринде келип-кетип турат. Ырысбек дарыланганга карабай аз-аздан ичип коюп атты. Ошол күнү дагы кызымтал болчу. Сырттан кирген атасын байкабай Зейнеп менен урушуп аткан.

- Экөөбүздүн жашообуз болбосун билип туруп эмнеге келесиң, ыя?

- Балдарым турганда кайда бармак элем, кетсең өзүң кет! - Зейнеп тилин тартпай безилдеди, - мен балдарым үчүн жашайм!

- Балдар үчүн деп өзүңдү мага таңуулаба!

Баатыркан анын артынан келип жаза-буза чаап жиберди.

- Атаңдын оозун урайын десе, ушу сенин азабың өтүп кетти го, ал сага эмне кылды, ыя?

- Мен аны менен жашабайм! - Ырысбек күңкүлдөй ордунан турду.

Зейнеп үндөбөдү, мисирээ сыртка чыгып кетти. Базарбек чоң атасы менен келип, эшикте ойноп жаткан. Аны көрүп кайнатасы кеткенден кийин Женяга жеткирмек болду. Баатыркан Ырысбекти ээрчитип кетти. Зейнеп Базарбекти кийинтип алып Женяга барды. Уулун көргөн Женя кучактап өпкүлөп жатты.

- Женя, бир жума туруп турсун, анан алып кетем, - деди да шашылыш жөнөдү.

- Мен апам менен кетем, - Базарбек ыйлап анын артынан ээрчигенде:

- Садагам менин, мен сенин апаң болом, - деди Женя аны сооротуп.

- Сен муюн каякта жүрдүң эле? - Базарбек аны карап сурады.

- Мен мурун окууда, алы-ыс жакта жүргөмүн, эми келдим, эми кө-өп күнгө биякта болом, дайыма мени менен болосуң, апаң менен атаңды сагынганда барып турасың ээ? - Чопулдата өөп атты, тойор эмес, баланы төрөп койгону болбосо жытынан кана жыттап, кумары кана өпкөнү ушул. Энелик мээрими ойгонуп кучактап алып көз жашын сызылта ыйлап отурду: "Кудайга шүгүр, уулумду көрүп, жытын жыттатканыңа, кечире гөр кудай, мендей акылсыз, алсыз пендеңди" деп отура берди.

Ал ошонун эртеси айылына Назгүлдүн тойуна бармак. Хазар бара албай турган болду. Женянын камы бүтүп уулун кийинтип алып жетип барды. Тойду баштаардан мурун ырым-жырымы, себи даяр болуп күйөө тарап келип аны алып кетти. Андан кийин айыл-апасын чакырышты. Женя уулун колунан жетелей сыртта турган. Эл менен кошо Шакир менен Зуура да келе жатты. Ал Керимбекти колунан жетелеп алган. Зуура келатып эле Женяны, анын колун кармап турган баланы көрүп жүрөгү болк этип алды: "Ботом, менин уулума куюп койгондой окшош экен да" деп дагы бир бурула карап коюп үйгө кирди, бирок анын жүрөгү кыжаалат ойго түштү: "Чунак кыз, эгиз төрөп, бирин өз ата-энесине айтпай таштап кеткен го, булар билбей калган окшойт" деп кайра өзүн-өзү сооротту: "Кайдагыны ойлонуп атам, балага бала окшошо берет да" деп тойдо отуруп жеген-ичкени кайда кеткенин билбей сарсанаа боло берди. Женя эшикте турган менен Зуураны, анын жетелеп келген баласын байкабай жеңелери менен тура берди. Келген эл тарай баштаганда үйгө кире бермек болду эле, Зуура менен беттеше түштү:

- Ой кечириңиз, кандайсыз эже? - деп учурашып жатып анын жетелеген баласын көрө коюп бүткөн бою ымыр-чымыр боло түштү. Анын өңүнүн өзгөрүп кеткенин байкаган Зуура токтоо гана:

- Кандай айланайын, жакшы жүрөсүңбү, уулуң чоңоюп жатабы? - деп коюп уулун азыр эле колунан жулуп кетчүдөй эшикти көздөй шашылды.

- Жакшы, эже… - Женя анын шашыла кетип атканын көрүп мелтирей карап тура берди. Аңгыча Шакир эркектер менен чыгып келе жатып:

- Ой Зуура, токтой тур, эмине шаштың? - деп артынан басты.

Зуура эч нерсе дебеди, бирок анын көз алдына окшош эки бала, келиндин баланы көрүп мелтиреп сөздөн кала түшкөнү тартыла калып, "уурдап алып кетсе эмне кылам? Экөө эгиздей окшош экен, же ортосу бир жаштан болсо керек?" деп ой чабытында калкый уулун эч кимге ыраа көрбөй алагдылана берди.

Шакир сыртта жүрүп кеч кирди, ага эч нерсе айтпай кылып жаткан ишин унута калып, улам башка буюмду кармалай, ойдон жинди боло жаздады.

Женя андан бетер жаны жай албай: "Демек, Зуура эжеге берип коюшкан экен, жакшынакай кылып багып отурат дегени ошол тура. Чын эле ошентип багып атса кантип менин балам деп айта алам, атам намысынан чарт жарылып кетээр" деп тынч алалбай атты. Баары бир аргасыз кайра үйүнө келди да Адинай менен сүйлөшүп алаксыды. Базарбекке чо-оң машина, ойунчуктарды алып берген, ал бала неме эч нерседен капарсыз ойной берди: "Хазар мени алдап кетип калган жокпу, дагы эри жок төрөп уят болбосом болду, анын жумушу кайда экенин дагы билбейм, төрөгүчө келип калса экен" деп ойлонуп отурган жеринде көзү илинип кетти. Чоочуп ойгонсо телефон чырылдап жатыптыр.

- Ало, бул ким? - деди ал шашып.

- Мен эле Жазгүл, кандайсың, денсоолук кандай? - Хазардын үнү угулду арытан.

- Оо-ой Хазар, өзүң кандайсың ыя, ата-энеңдер жакшыбы? - Женя ыйлап атты, - Хазар, деги келесиңби, же мени алдап кетип калдыңбы? "Чогуу барабыз" деп жатпадың беле?

- Жазгүл, сен ыйлап жатасыңбы? Мен сени эч качан таштабайм, сен төрөгөнчө барып калам, бир аз жумуштар менен Америкада жүрөм, капа болуп ойлонбой күтүп тур, макулбу?

- Ма-акул…

- Жазгүл!

- Эмне болду?

- Жалгыз корккон жоксуңбу?

- Жо-ок, азыр жанымда Базарбек бар.

- Жакшы болгон тура, ал качан келди?

- Бир айдай болду. Зейнеп соттолгон жок, экөөбүз жакшылап сүйлөштүк, анан ал мага баламды алып келип берди.

- Азамат! Деги жакшы аялсың Женя, мен сени сүйөм, өбөм, давай анда кош бол, ойлонбой күт!

- Мен дагы сени сүйөм!

Трубканы койгондон кийин анын жанына Базарбек келип:

- Ал ким? - деп сурады.

- Албы, ал…

- Айтсаңыз, ал ким, сиз аны сүйөм дедиңиз го? - деп кайра-кайра сурап атты.

- Ал деген менин күйө-өм! - Женя Базарбекти кучактап өөп койду, - билдиңби эми?

- Ооба, - Базарбек түшүнбөсө да унчукпай калды.

Ошол күнү Зейнеп ага келди эле, Женя:

- Эже, Хазар келгиче туруп турсун, - деди.

- Мейли. Ырысбек "балдардан алыс өсүп калат" деп жанымды койбой атат.

- Алыс болбойт эже, мени түшүнүңүз, жалгыз болуп атам, Хазар ушул жума келип калат, - Женя Зейнепти сыйлап узатты.

Хазар ата-энесине барып ал жактан үйлөнүп алды. Арадан эки ай өткөндө кечинде келди. Аны көргөн Женя мойнуна асылып, көпкө ыйлады.

- Сен мени унутуп кала жаздадың го, мени "ала барам" деп коюп өзүң кетип калдың…

- Жазгүл, сен мага түшүнчү, шашылыш болуп калды, атам ооруп жаткан экен, - Хазар ага калп айтууга аргасыз болду.

- Жакшы, мен иш бойунча Бишкекке кете турган болдум, бул үйдө сен тура бер, кийин көчүп кетебиз.

- Эмне, мен дагы жалгыз каламбы? - Женя аны кабагын бүркөө карады.

- Жалгыз калбайсың, шартка байланыштуу болбосо болбойт да Жазгүл. Сен төрөөрдө жаныңда болом, - Хазар аны эркелетип диванга кучактап отурду, - кыскасы сен мага кыз төрөп бересиң, - деп өөп койду.

- Дагы үч айда буйруса төрөп калам, а сен ошого чейин алыста болосуңбу?

- Жо-ок, ошондой болуп жатат, сен түшүнөсүң да, - Хазар аны алаксытып жатты.

Ал жаңы үйлөнүп, аялын Бишкекке алып келген эле. Өзү Женяны жакшы көргөндүктөн аны да таштай албай жаткан. Убакыт өтө берди, Женянын жанында бир жумадай болуп Бишкекке жөнөдү. Женя аны бекем кучактап алып коштошо албай көпкө турушту. Бирок Женя андан күмөн санай баштаган эле: "Түрктөр, америкалыктар экиден аял алып жашай беришет, мейли баарын даярдап берип койсо төрөп алып жашай берем, эми келсе бул үйдү өзүмө каратып бер дейин" деп баарына даяр болмок болду. Ал ошентип ойго арбалып отурганда Адинай кирип келип аны кучактап ыйлап ийди:

- Эмне болду, Адинай? - Женя чоочуп кетти.

- Мени кайненем үйдөн кууп чыкты, "Эрмат менен жашатпайм" дейт!

- Койчу?

- Чын эле! "Эрматтын башын имерип алгансың", деп мени урушуп кууп чыкты.

- Эрмат жумушта беле?

- Ооба, ал келгиче туруп турайын десем болбойт, - Адинай соолуктап ыйлай берди, - Эрмат деле алардын тилинен чыга албайт окшойт.

- Төрөгөнү турганда кетирем деген ал кандай аял, кандай эне? - Женя аны сооротуп кучактап алып көпкө отуруп анан чай берди.

- Женя, эми эмне кылам? Өзүмчө ушунчалык бактылуу элем го курбум, ата-энеме эмне деп барам?

- Адинай, таптакыр эле үмүтүңдү үзбө. Эрмат дагы ойлонот, мына жакында төрөсөң анан кантип баласын таштамак эле?

- Төрөйүн дегенимди көрүп туруп ушуну кылып атат, алар сөзсүз бат эле аял алып берип коюшат…

- Койчу Адинай, антип жаман ойлобочу.

Ошол убакта телефон чырылдап калды.

- Ало, ким бул? - Женя ала коюп Эрматтын үнүнөн тааныды.

- Женя, менмин. Адинай бардыбы?

- Адинай менин жанымда…

- Азыр барам! - Эрмат трубканы коюп койду.

- Эрмат азыр келет! - Женя Адинайга карап күлүмсүрөп койду.

- Келгенде эмне кыла алат? Ойлосом алардын үйүндө апасы гана тейлейт экен, кайнатам эчтекени билбейт, анын сөзүн бири деле угуп койбойт.

Адинай көзү тоодой болгуча ыйлаган. Ваннага кирип жуунуп чыкты. Көп өтпөй Эрмат келип калды:

- Кандайсыңар, кыздар?

- Эң сонун, кел! - Женя аны тура калып тосуп алды.

- Адинай, сага эмне болду, мен келгиче үйдөн чыкпай койбойт белең? - Жетип эле келинчегин кучактап өөп калды.

- Кантип Эрик, апам мынчалык эмне мага өчөштү? Айтчы деги эмнемден жаздым, колумдан келишинче жумуш жасап эле атам, кайсы күнөөм үчүн? - Адинай буркурап ыйлап жатты, - Атам ичсе жолдо калган жок, жашоосу элден кем эмес, анча-мынчалардан тың эле турушат…

- Койчу жаным, капаланба, баары жакшы болот, бөлүнүп кетебиз.

- Бөлүнгөндө эле тынч жашата койобу? - Адинай жаштуу көздөрү менен Эрматты үмүттүү карады.

- Жашатпаганда эмне, мен барбай койсом өздөрү жалдырашат, көрөсүң го?

- Билбейм… - Адинай улутуна отуруп калды, - Аларга жагуу үчүн кирлерин жууп, тамак-ашын даярдап, үй жыйнап жаным тынбайт. Менин минтип жүргөнүмдү ата-энем билсе, бир мүнөт койбойт! Сен үчүн гана чыдап атам, Эрмат, ишенгеним ортобуздагы сүйүү, сенин демиң мени кармап турат, билсең…

- Адинай, көп эле капалана бербе, сен ойлонбошуң керек, ойлонсоң ооруп каласың.

- Ойлонбойун десем да болбой атпайбы, апам мени кайсы күнөөм үчүн ушинтип кордоп жатат, айтчы Эрик? - Адинай Эрматтын төшүнө башын жөлөй отуруп сүйлөй берди.

- Мен турам го, Адинай, аман-эсен көз жарып алсаң, өзүбүзчө кетип калабыз.

Алар ошентип сүйлөшүп жатканда Женя унчуккан жок. Өздөрү чечишсин дегендей тамак жасап жатты. Бирок алардын дагы жашоосу алдыда, кандай болоору экөөнө тең белгисиз эле. Женя курбусунун тагдырын ойлоп, өзүнүн келечегин ойлоп санаага батып жатты: "Апасы минте берсе экөөнү жашатпайт го, эмне болоор экен?" деген ойдо тамагын алып келип, столго импорт винодон койду, үчөө көпкө сүйлөшүп отуруп Женяны жалгызсыратпай жатып алышты. Эртеси туруп баратып Эрмат Адинайды тургузбай өөп:

- Сен Женя менен биерде боло бер, мен үй издеп өзүбүзчө бөлүнгөнгө аракет кылам, - деди.

- Эрмат, азыр издебей эле тура тур, Хазар келгиче мен деле жалгыз болуп атам, Базаңды алып жүрдүм. Адинай мага караан болот, өзүң келип турасың, биз ансыз деле бирге жашап жүргөнбүз, - деп Женя аларга чын ойун айтты.

- Анда мейли, экөөң эрмектешип отура бергиле, баары бир үй караштырбасам болбойт, - Эрмат чыгып кетти.

Адинай ошондон баштап Женя менен бирге туруп калды. Эрмат аларга тамак-ашты алып келип берет. Женянын кой дегенине болбой акча таштап, витаминдүү жер-жемиштерден алып келип турат. Келгенине бир айдай болуп калганда Адинайдын кан басымы көтөрүлүп түндөп ооруканага жеткиришти. Төрөөрүнө дагы эки ай калса да кыйналып жатты. Кыйналып жатып акыры аны төрөөгө чейин эле баласын кесип алмак болду. Анткени "анын төрөөгө алы жок, бала өлүк экен" дешти. Операция жолу менен баласын алып таштагандан кийин Адинай көпкө жатты. Врачтар аны эми төрөгөнгө болбойт дешти. Ыйлап-сыктаган Адинай арманын угаар киши жок боздоп атты. Эрмат үйрүлүп түшкөн менен, Адинай андан үмүт үзө баштады. Апасы келди эле, Адинай аны менен кетип калды. "Болду, бүттү баары, төрөбөгөндөн кийин ага менин керегим да жок, тоскоол болбой кетейин" деп чечти. Женя менен коштошуп жатып:

- Женя, менин бактым талкаланды. Эрмат менен жашаган бир жылга жакын бакытка бөлөнгөнүм бир көргөн жакшы түштөй болуп калды. Эрматка бала төрөп бералбасам аны кыйнаганда эмне, кош эми, тыңыганча үйгө барайын, келип турам, - деди көз жашын куюлта.

- Адинай, Эрматка кеңешип, айтып кетсең болмок, ал капа болот, - Женя анын көз жашын аарчый кучагына кысты, - Кээде медицинада деле жаңылыштык боло берет, балким төрөйсүң, калп эле өзүңдү кыйнай бербечи!

- Жо-ок Женя, аны көргөн сайын андан ажырагым келбей, өзүм да кыйнала берем. Аны да, өзүмдү да кыйнаганча билгизбей кетип калганым оң го? - деди да экөө кучакташа коштошту.

Женя аны узата карап туруп көзүнүн жашын сыгып алды. Өзүнүн да айы-күнү жетип бараткан, жалгыз отуруп: "Аман-эсен төрөп алсам экен. Хазар телефон чалбай да койду, демек мунун да ою арам. Мейли, ойлогондо эмне, балдарымды багып эптеп жашай берем" деген ойдо Базарбекти алып келмек болуп: "Эртең барайын. Зейнеп жакшы аял, баламды берет, кайра жеткирип турам" деп жатып калды. Түнү бою уйкусу келбей таң ата көзү илинип кеткен экен, телефондун чырылдагы ойготуп жиберди:

- Ало-о, - Женя уйкусурай үн катты.

- Женя, Адинай сени мененби? - Эрмат арытан сурады эле, Женя эмне дээрин билбей мукактана түштү, - Женя, Адинай сеникиндеби дейм?!

- Эрмат, Адинай келген жок, каяктан чалып атасың?

- Үйдөн, кечээ ооруканага барсам ал жок, апасы алып кетсе керек, ошондойбу?

- Жо-ок Эрмат, мен билбейт экенмин, мага эч нерсе айткан эмес!

- Эмнеге Женя, эмнеге айтпай кетет? - Эрмат жинденгендей сурады.

- Кайдан билем, апасы алып кетсе керек да?

- Эмнеге айтпай кетет? - Эрмат трубканы коюп койду.

Женя шалдая отуруп калды: "Апасы болбогондо Адинай төрөп алмак, жакшы жашап кетишет эле. Ойлонуп атып ушул болду, кой мен көп ойлонбойун" деп ойлонуп жатты: "Өзүмдү-өзүм сактабасам болбойт, денсоолгум таза болуп жаным аман турганда жашоо өтө берет" деп өзүн-өзү сооротуп ордунан турду. Бети-колун жууп аарчынып атканда телефон чыр этти:

- Ало Жазгүл, кандай, жакшы жатасыңбы? - Хазардын үнү чыкты.

- Хазар, сенсиңби? - Женя кубанып кетти, - Унуткан жоксуңбу деги?

- Кантип сени унутайын Жазгүл, кыйналбай эле жүрөсүңбү?

- Жакшы, баары ойдогудай… - Женя ызалангандай жооп берди.

- Жазгүл, менин кызым чоңоюп жатабы?

- Абыдан жакшы, "атам кайда кетти?" деп сурап да жатат.

- Оой азамат, ошентсин, менден салам айтып сүйлөшүп кой!

- Албетте, азыр эле айтам! - Женя өзүнчө бактылуу боло кыт-кыт күлүп койду, - Эми качан келесиң Хазар, же кызың төрөлгөндөн кийин келесиңби?

- Жо-ок, дагы бир жумада барам, жеткиче сени сагынып кетпедимби?

- Ой калпычы, сагынганың чын болсо жаныңда алып жүрөт элең го Хазар, мен сага ишенбей калдым…

- Койчу Жазгүл, иш бойунча жүрөм да, баары бүтсө сенин жаныңда болом макулбу, таарынбай тур!

- Ма-кул жаным, көзгө сүртчүдөй болбой эртерээк келчи?

- Сөзсүз жакында жаныңда болом, чыда!

- Күтөм! - телефондун тү-үт дегенин көпкө тыңшап туруп калды.

Саатты карап туруп Ырысбектин үйүн көздөй жөнөдү. Ырысбектин кичүү баласы менен Базарбек эшикте ойноп жүргөн экен, Женяны көрүп жүгүрүп келди:

- Апа, сен мени алып кетесиңби?

- Оо садага, мени менен барасыңбы? - Женя эңкейип аны өөп, - Апаң үйдөбү? - деп сурап койду.

- Апам үйдө жок!

- Кайда кетти эле?

- Апам чоңатамдыкына кеткен! - тигиниси жооп берди.

- Сейит акем билет, - деп койду Базарбек аны карай.

- Анда эртең келейин ээ?

- Маку-ул, азыр алып кетпейсиңби?

- Апаң келсин, анан алып кетем, болбосо апаң келгенде экөөңөр баргыла, макулбу?

- Ооба, апам экөөбүз барабыз, - Базарбек баарына макул болуп жатты.

Женя ойноп аткан балдарга конфет берип коюп анан кайра өз жолуна түштү. "Ал жокто алып кеткеним болбос, аман-эсен, татынакай чоңоюп жатса жула качканым болбос" деген ойдо кетип жатты.

Хазар ошол күнү эки ирээт сүйлөштү, Женя ага кубанып калды: "таарынып калды" деп ойлогон го, чынында аны мен сүйбөйм, жолумдан адашканда колумду сурап, тайгак жол, тар ашууда мени саздан сууруп алды, балким ал мени чын жүрөгү менен сүйөт, ошого мен татый аламбы? Ырысбекти сүйгөнүмдү ал билсе артын карабай кетет го.. Зейнеп менен жакшы мамиледе болгонумду Ырысбек билди бекен, билсе эмне деп ойлонуп атат?" деп көпкө жатты. Кечке жатып чарчап кетти, зерикти. Айылда калган баласын эстеди, Зууранын көз карашын көз алдына келтирип ичиркенип алды: "Байкуш жалгыз баласы бар эле, аны эрмек кылып жүргөн экен, анын жүрөгүн оорутуп эмне кылам? Аман болсун, качандыр бир кезде өз энеси экенимди айтаар кез болоор, ошондо ал мени түшүнөөр, эне-бала болуп ээрчишээр күн болоор" деп жата берди. Күнү-түнү дебей ичип-жеп жата бергенден да адам тажайт тура. Ваннага жуунат, тамак жасап жеп, кайрадан уктамак болду. Эми жатайын дегенде эшик тыкылдап калды.

- Ким? - Женя босогого келип эшикке кулак түрдү.

- Мен, мен эле Женя! - Эрматтын үнү чыкты арытан.

- Аа-а, сенсиңби? - Женя ача бергенде Эрмат кирип келди.

- Сага эмне болду Эрмат, кеч кайдан жүрөсүң?

- Мен сага келдим Женя, бугумду сени менен сырдашып чыгарбасам болбой калды. Мен Адинайга бардым…

- Анан эмне болду?

- Ал мени менен жашагандан баш тартып жатат Женя!

- Аны түшүн, Эрмат. Ага азыр өтө эле оор, баласын жоготуп алды, бир аз өзүнө келсин, анан кайда бармак эле?

- Мен ансыз жашай албайм да Женя, ошону түшүндүрчү ага, мени менен барып келчи?

- Ата-энең эмне деп жатат, аны менен жашаганга макулбу?

- Алар менен эмес, мени менен жашайт да, ал мени эмнеге түшүнбөйт, менин ага деген сүйүүмдү кандай түшүнбөйт?!

- Эрмат, Адинайды түшүн, ал азыр ызага, өкүнүчкө алдырып атат, убакыт өтсө өзү деле ойлонот.

Эрматты жайгарып көпкө аны менен сүйлөшүп анан аны узатып кайра жатты: "Оо турмуш, тагдыр деги адам баласын каалаганыңдай калчап, бирөөгө этеги толо көз жашты берип, бирөөлөрдү бакытка бөлөгөн тагдыр, неге мынчалык бирде таш боор, бирде мерез, бирде кең пейилсиң?" деп жатып алып ойлоно берди. Эртең менен уктап жатса каалганы бирөө тыкылдатты: "Кимиси келе калды, тургум келбей жатканда" деп ыңгырана туруп барып:

- Ким? - деди уйкусурай.

- Женя, биз эле, Базаң экөөбүз, - Зейнептин үнүн угуп ачып ийди.

- Келгиле!

Зейнеп экөө өбүшө учурашты. Базарбекти өөп анан төргө өткөрдү. Экөө көпкө аялдар катары сүйлөшүп отурду.

- Женя, Ырысбек экөөбүздүн жашообуз болбой калды, ичип туруп алганынан дарылаттык, ага да болбой ичип атат, аны сен гана сактай аласың го дейм?

- Коюңузчу эже, менин жашоом башка, күйөөм бар, анын үмүтүн алдоого кантип болсун. Төрөгөнү турам, андан көрө сиз аны өзүңүзгө имеришиңиз керек!

- Кантип? Андай болбой калды го, ал мени мурдагыдай жакшы көрбөйт, ага сен гана керексиң, сени сүйөт, - Зейнеп маанилүү сөздү айтып, андан кеңеш сурап отурду, - Сен үйгө барып келип тур, балдар көнүп калат, сен аны сактабасаң ал өлүп калышы мүмкүн, - деди.

- Болбойт эже, менин бактым эми такыр башкача жолдо, сиз менен эже-сиңди катары болсом болду, - деп Женя такыр жолотпой кайра аны коноктоп, сыйлап жөнөттү да, Базарбекти алып калды.

- Уулум, сен мени жакшы көрөсүңбү? - Женя уулуна карады.

- Ооба, жакшы көрөм, - деди Базарбек аны бытыйган колдору менен сылап.

Зейнеп отуруп-отуруп өзүнчө ыйлап да алды: "Ушундан көрө ажырашып кетсем болмок, кайсы күндү көрдүм" деген ойдо жумушуна жөнөдү. Ал ушул кезде тажаганынан кайда болсо да басып кетмек болуп турду. Ойлуу келе жатканда анын алдынан Арстанбек чыга калды. Ал азыр жөө эмес, машина менен болчу.

- Сулуу кыз, кандай?

- Жакшы, өзүңүз кандайсыз? - Зейнеп анда-мында көрүшүп койчу бул адам менен жылуу учурашып өтө бермек болгондо ал аны тосуп калды:

- Зейнеп, бир аз сүйлөшүп отурбайлыбы?

- Мен жумушка шашып бараттым эле, кечирип коюңузчу? - Зейнеп ага жылмая карады.

- Эми жумуш бүтөөр, жүрү мен жеткирип койойун, - деди машинасын ачып.

- Өзүм эле…

Зейнеп болбой басып кетмек болгондо ал аны машинага отургузмак болду. Аргасы кеткен Зейнеп отуруп жатып:

- Мен кечигип калбайын, жумуштан кечиксем билесиз да, жумуштан чыгып калам, - деди.

- Бүгүн кечиксеңиз эртең барасыз, - деди Арстанбек аны колдон кармай.

- Болбой калат го, кайрадан жумуш издөөгө туура келет.

- Кой Зейнеп, андай эле жумуш керек болсо өзүм таап берем, - деди ал.

Ошентип экөө кафеге барышты, андан чыгып ээн талаадагы көк шиберлүү суу жээгине барды. Сүйлөшүп отуруп Зейнепке ал жагып калды. Ал аны жакшы жумушка орноштурмак болду. Ошол күнү Зейнеп эки бети албыра үйүнө кубанычтуу келди. Негедир бар дүйнөсү түгөл болуп ал үчүн майрамдай сезилди. "Эмне экен, мени да бирөө сүйөт, мени да бирөө жактырат, баарынан куру кала турган убагым эмес. Ырысбектин мен үчүн бары да, жогу да бир" деп ойлоп алды.

Жумушту унутуп күндө Арстанбекти ойлочу болду. Ал ар дайым аны болжолдуу жерден күтүп алат. Экөө сагынычы тарабай көпкө машинада кучакташып отурат да андан кийин суу жээгине жөнөшөт.

- Зейнеп, мен сага жолукканга чейин таптакыр сүйүү эмне экенин билген эмесмин, аялымды ата-энем алып берген. Негедир бир нерсе жетишпегендей болуп жүрө берчүмүн, издегеним эмне экенин да билбей өз жүрөгүмдө бирөөнү күтүп жашап келдим, - Арстанбек Зейнепти кучагына кысып отуруп сүйлөп жатты, - Көрсө чоң сүйүүгө кабылаарымды сезип жүргөн окшойм…

- Чын элеби? - Зейнеп кылыктана күлүп койду, - Же эркектердин айта жүрчү дүжүр сөзүбү?

- Жо-ок эркем, чын айтам, ушунча жыл жашап аялым менен кер-мур да айтышпадым, бирок эзилишип эркелеткен да жокмун.

- Сүйүү дегенге мен ишенбейм дагы, бир келип бир кетчү нерсе, - Зейнеп улутунуп алды, - Күйөөм менен сүйлөшүп жүрүп баш кошуп үч балалуу болдук, акыры ал бирөөнү сүйүп калып өзүн жоготуп баратат…

- Анысы кайда эле?

- Ал күйөөгө тие качты, ошого жинденип мени менен жашагысы келбей атпайбы?

- Аа-а, анда ал аны сүйбөсө керек го?

- Ал "үйбүлөңөр бузулбасын" деп төрөгөн баласын таштап койсо дагы болбой атпайбы. Ушу, сүйүү дегенди мен жек көрөм дегеле, - Зейнеп андан кийин үндөбөй отуруп калды.

Арстанбек аны тим койду: "Ойлонуп алсын, чындап эле сүйүүнүн көзү сокур деген чын го, күйөөсү менен жакшы жашабаса бул деле тажагандыр, эгер мен муну менен үйлөнөм десем бала-чакам эмне дээр экен, бул деле макул болбойт го?" деп ойлонуп отуруп:

- Зейнеш, капа болбочу, кел өзөк жалгап алалы, - деп өөп койду да, ала келген тамак ашын жайып кирди.

Кылтылдаган "тунук суудан" да чыгарып көпкө кобурашты. Анан бир топко көк шибер үстүнө уйпалана кетишти. Экөөнүн сүйүүсү айтып бүткүс дастан болуп, ырдалбаган ырдай башталды. Үйүнө келсе кайрадан көз алдына эмелеги махабаттуу карылуу кучак, шыбыраган өбүшүүлөр келип, Зейнеп өзүн койорго жер таппай калды. Күнү-түнү аны менен бирге болууну самаган менен балдары, кайын-журту ага өзүнчө кетүүгө жол берээр эмес.

Ушул эле ойду Арстанбек да ойлоп жатты, бирок ал дагы даабады. Үйлөнүп жайланган уул-кыздарынан тартынды. Ошентсе дагы экөө жолугушуп жүрдү, жолугушканда бири-биринен ажырай албай кыйналып атып зорго бөлүнөт.

Ырысбек дале өзү менен өзү, кийинки кездерде Зейнеп ага көңүл да бурбай калды. Анын бары да, жогу да бир болчу. Күн санап өзүнчө сүйлөшүп отура берет. Бир күнү балдарды уктатып коюп, Зейнеп сыртты көздөй жөнөгөндө Ырысбек:

- Кайда жөнөдүң? Эмне, эшикте бирөө күтүп жатабы? - деди башын көтөрө.

- Күтсө күтүп аткандыр, сага анын тиешеси барбы, алда качан өз жолубуз менен болуп калбадык беле? - Зейнеп ага кыжыры келгендей жооп бере чыгып кетти: "Акыры сени кызгантам, Женя деп жинди болуп кетсең да ишим жок", деп басып кетти.

- Энеңди, андай болсо бул үйдөн кет да, каалагандай жүрө бер!

- Кетпейм, сен карабасаң карачулар чыгаар, сен Женя деп бүт өмүрүңдү өткөрө бер!

- Анда сенин ишиң болбосун, бар, бара бер! - Ырысбек башын ары буруп жатып алды.

Зейнеп сыртка чыгып кайра кирди: "Урушуп кадырымды кетирбей тынч болойун, күндүзү менин кайда барганымды билмек беле" деген ойдо жатып алды.

Арадан билинбей үч жыл өтүп кетти. Улуу уулу мектепти бүтүп жогорку окуу жайына тапшырмак болуп акыркы коңгуроого барса, ал жерде Арстанбек аялы экөө жүргөн экен. Уулунун жанындагы кыз Арстанбектин кызы экенин билгенде Зейнептин башы шылк эте түштү. Анан калса экөө катар туруп алып бүтүрүү кечесин алып барып жатты.

Зейнеп уулу Назарбекке гүлүн берип бетинен өөп куттуктап коюп үйүнө кетип калды: "Кудай ур, кокус экөө бири-бирин жакшы көрсө канттим? А кокус үйлөнүп калсачы?" деген ойдон башы ооруп чыкты.

Ырысбек болсо акырындап өзүн колго алып, Зейнепке баш ийе баштаган. Женяны акырындан унутуп баратты. Базарбек экинчиге окуп калды. Ырысбек аны жанынан чыгарбайт, кээде көпкө чейин карап отуруп: "Апасынын эле өзү" деп улутуна ордунан туруп кетет. Зейнепке баягыдай опурулбай кадимкисиндей мамиле кылбаса да урушуп сөккөнүн койгон. Улуу баласын окууга киргизип коюп, өз тиричилиги менен алектенип кетишкен.

- Ата, мен апама барам, - деди бир күнү Базарбек.

- Эмне, апаңа эмне бар, окуудан калып калба? - Ырысбек анын апасына баргысы келгенин жактыра бербей ары бурулуп кетти.

- Кайра келип калам, - Бала ага болбой көшөрдү.

- Мейли, барсаң бар, жолдон этият бол ээ?

- Ооба, бат эле жетип алам, - Базарбек кудуңдай жолго чыгып жөнөдү.

- Ушу баланы жаман көндүрдүң да, орто жолдо жаман өсүп калбаса эле болду, - Ырысбек Зейнепти карай күңкүлдөдү.

- Барса барып келет да, өзү барып келип көнүп деле калбадыбы? - Зейнеп кайдыгер унчукту, - Барса өз энеси, андан эмне болмок эле?

- Ошентсе да, - Ырысбек унчукпай калды.

Зейнеп ошондон кийин Ырысбекке салкын болуп калган. Анда-санда Арстанбек менен жолуга койот, бирок баягы өз уулу менен анын кызынын кыналыша бири-бирин бактылуу карап кечеде сүйлөгөндөрүн көргөндөн кийин ага жолукпай качып жүрдү.

Ал ортодо арадан бир топ убакыт өтүп кетти. Ошол күнү ал дүкөнгө кетип жаткан болчу. Алдынан Арстанбек чыга калып ай-буйга келбей эле, элди көзүнө илбей эле кучактап өпкүлөп кирсе болобу?

- Алтыным, мен сен үчүн куса болуп өлгөнү калдым, эмнеге жолукпай атасың? - деп чала-була көз жашы кылып ийгенде Зейнеп өткөн-кеткенден коруна:

- Көргөн эл эмне дейт, кой эми, койо бер! - деп зорго бошонуп, - Уят эмеспи, сизде да, менде да үйбүлө, бала-чака бар, - деп шыбырай күлүмсүрөдү.

- Элдин сөзүнөн коркуп эмне кылабыз Зукеш, кел баарына кол шилтеп, кол кармашып басып кетебиз?

- Жо-ок, болбойт! Ага жетпей эле койолу, өз-өз жолубуз менен болгонубуз туурадыр.

- Мен баарынан кечтим, өмүрүмдө сүйүүнүн даамын сенден таттым, жүрөгүмө жылуулукту сенин көздөрүңдөн таптым, сенсиз бир мүнөт тура албайм!

- Эсиңизге келиңиз, мен сиз менен бир мүнөт да кала албайм! - Зейнеп катуу булкуна басып кетти.

Арстанбек аны узата карап кала берди. Чиркин десең, бирөөлөр сүйүүдөн көңүлү кала тирүүлүктүн азап-тозогуна кайыл болуп жүрөт, бирөө сүйүүнүн айынан кумдуу ээн талааны кезип күнү-түнү сүйүүсүн ырга кошуп боздоп өтөт. Бул дүйнөнүн өктөмдүгү ушунда тура!

Зейнеп басып кеткен менен ичи ачыша бир капшыты ээнсирей, бараткан жумушун унутуп коюп үйүнө келди. Туталанып, ыйлагысы келип, урушаарга жоо, урунаарга тоо таппай жатты: "Не кылам кудай ай, мен деле дал ошондой абалда жүрөм го, же менин арзуум жашоодо арзыбаган нерсеби? Жанымда эрим катары жүргөн адам мени эбак эле музга айлантып койбоду беле, менин да жашоого акым бар го, ырас эле баарына кол шилтеп туруп басып кетип калсамчы?" деп ойлонуп чабалактап атып, акыры: "Жо-ок, мен энемин, башкадан кечсем да балдарымдан кече албайм" деп демин баса үшкүрүнүп алды. Дегеле ал жөнүндө ойлобогонго аракет кылып жатты: "Мен балдарым үчүн гана жашашым керек" деп өзүнө-өзү дем берип турду ушул саам.

Ошол күнү Женя ага келип чакырып кетти. Женя кыз төрөгөн, Хазар аны менен жашаганы, жашабаганы белгисиз, көпчүлүгү Бишкекте болот, анда-мында келип бүт кем-карчын толуктап, акча-тыйын берет да жумалап жүрүп кайра кетет. Кызынын ден-соолугун сурап телефон чалат. Женя ага көнгөн. Ага азыр баары бир болчу, уулу, кызы бар, эч нерседен камы жок, өз тагдырына кайдыгер боло баштаган эле. Зейнепти чакырып алып:

- Эже, мен сизге атайын бир белек берейин дегем, - деп күлдү ал.

- Эмне деген белек экен? - Зейнеп аны кызыга карап койду.

- Мына бул, - Женя ага жалтырак матадан тигилген кооз көйнөктү алып келди, - Өткөндө Хазар алып келген, өзүм кийейин десем батпай калды, төрөгөндөн кийин толуп кеттим, сизге туура келет чыгаар…

- Ой абдан жакшы экен, абдан кымбат болсо керек, бул белегиңе мен кантип жооп берем, ыя? - Зейнеп тамашалай күлүп койду. Бирок дале ич күйдүлүгү турду анда.

- Тим эле коюңузчу, мен чын ниетим менен эле атайын сизге ыраа көрүп берип атам. Ырахмат сизге дагы, кең пейилдик кылып уулумду каалаган убакытта көрсөтүп турасыз. Башка бирөө болсо ким билет, көзүмө көрсөтөт беле?

- Эчтеке эмес Женя, биз энебиз да, бири-бирибизди түшүнбөсөк болбойт, - Зейнеп жойпулана кетти.

- Ошентсе деле, аялдардын баары бирдей болбойт, - Женя ички сырын бөлүшө өз жакынындай бабырап атты.

Сыйлап, конфет печенье салып берип анан жөнөттү: "Эмне, мен мындан кем белем, мында күйөө дагы, баары жогу бар, мен болсо күйөөм карабай түрткүнчүк болуп жүрөм. Неге мынчалык бактылуу боло албайм? Жалаң ушунун айынан күйөөм мерез адамга айланды, эрди-катындай болуп жатпай да калдык" деп кимдир бирөөгө кыжыры келгендей кетип атты Зейнеп. Бирок бир катачылык кетиргенден кийин экинчи андай ишке колу барбасын түшүнгөн. Негедир бирөөнү көрө албаган жайы бар, ошонусу күчөп ага ушул жарым бакытты ыраа көрбөй турду.

Жарым бакыт эмей эмне, Женя сыртынан сыр билгизбей зымпыйган менен анда өксүк, арман толо. Эри бар деген аты болгон менен канчалаган күндөрдү жалгыздыкта өткөрүп, эчен түндү көзү илинбей жан-жагын сыйпалап көз жашын сыгып кичинекей наристенин гана деми менен алаксып жүрбөйбү! Зейнеп кеткенден кийин кызын көтөрүп үй ичинде ары-бери басып жүрдү: "Мага жамандык кылганга жакшылык кылайын, кудай берет, кудай өзү таразалайт, уул-кызым аман-эсен чоңойсо ошого каниет кылып жашай берем" деп кызын уктатмак болуп диванга жаткырып өзү жанына кыңкайды, ошол замат эшиктин коңгуроосу кагылып калды.

- Ким? - деди Женя ичкериден.

- Мен Женичка, мен элемин!

Адинайдын үнү угулду эле Женя ачып жиберип экөө кучакташып калды.

- Жакшы жүрөсүңбү курбум, денсоолук жакшыбы? - Женя анын ал абалын сурап жиберди.

- Жакшы элемин, өзүң кандайсың ыя, кана лялкаң? - Адинай ага жадырай карап сурай кетти, - Чоңоюп калдыбы?

- Ой, сени шылдыңдайт азыр, эки жарым жаш болуп калбадыбы, дайның чыкпай кетти да?

- Жүрөм, дарыланып жүрдүм, апам Бишкекке алып барып тааныш доктурга көрсөтүп жакшылап дарыландым,

- Жакшы болуптур, Эрмат деле чалбай же келбей койду.

- Ой ал болбой мени менен кеткен, атам менен апам аны кыялбай мени урушуп… - Адинай күлүп калды.

- Эмне, жашап атасыңарбы анан?

- Ооба да! - Адинай көздөрүнөн бактынын учкундары чачырай Женяга карады, - Ал тургай боюмда бар, курбум!

- Болсун-болсун, курбум! Ырас болгон тура, эми аман-эсен көз жарып ал!

- Ошо, Эрик дагы "кызбы, уулбу баары бир, аман-эсен төрөсөң болду" деп коркуп калыптыр!

Экөө шарактап чер жазыша сүйлөшүп отурганда кызы ойгонуп калды. Адинай аны тура калып алып өпкүлөп атты:

- Кызың өзүңө окшобой Хазардын эле өзү болуп калган го?

- Атасы ошол болсо окшошот да, - Женя да күлүп койду, - Кызымдын аты Марзия, жакшы ат бекен?

- Ананчы, - Адинай аны карап бармагын көрсөтүп койду, - Кызың сулуу кыз болот экен, буйруса.

- Эмнеси болсо да аман чоңойо берсинчи. Баса, кайненең акыры көндүбү?

- Ой ошол бойдон барган жокмун. Эрмат дагы эч барбайт, мен аны бар десем болбойт…

- Эрматтын көңүлү болсо болду да, алар кайда бармак эле...

- Билбейм, артымдан барып кетпей койду, канча жолу айттым, анан өзү билет да?

- Төрөп түшүп алсаң алар деле эчтеке дей албай калышат. Эрмат Бишкекте калдыбы анан?

- Жо-ок, мени биякка киргизип өзү бир жакка кетти, балким ата-энесине жолукканы кеткендир…

- Аа-а, ошондой дейм да, жалгыз келмек эмес элең да?

- Ооба. Батирде турабыз, жакында үй алып алсак анан жыргап калат элек, - Адинай заматта ойлоно түштү, - Бизнеси да кыйчалыш болуп аксап турат, эми жаңы продукция чыгарабыз деп атат, буйруса ишибиз оңолуп кетээр…

- Оңолуп кетет курбум, денсоолук болсо баары болот, - Женя ага кайрат берип кубантып отурду, - Кыйналыш болбой эле жашоо оңолуп кетмек кайда, - Улутунуп алды, - Же жумуштан жок, же бизнесибиз жок, кызым экөөбүз кантээр экенбиз?

- Атасы экөөңөрдү иштетпейт деле, кудай деп чалкалап жата бергиле да? - Адинай тамашалай күлүп калды.

- Кайда-ан, - Женя ага сумсая карады, - Хазар эбак эле кеткен, Адинай. Ушул үйдөн кайсыл күнү чыгып калаар экемин деп өзүм да ойлонуп жүрөм…

- Койчу, кызы турбайбы?

- Билбейм, айтуу кыйын, - Женя томсоро отуруп калды.

Анын көңүлүн көтөрүүгө сөз таппай Адинай кичинекей кызды эрмектеп аны ойнотуп жатты. Эмне деп айтат? Айтканда Женя жаш эмес да алданып же ишенип калгандай, жашоодон баарын көрүп, алчы-таасын таанып калган неме күзгүдөн карагандай эле көрүп турбайбы?

Түнү менен сүйлөшүп отурушту, уйкулары келгенче айтылбаган сөз калбады, бирде күлүп, бирде ыйлап отуруп таңга жуук укташты. Женя эрте ойгонуп кызын карап ошол бойдон кайра уктаган жок, жуунуп-таранып, кайра чай, тамагын коюп Адинайдын ойгонушун күтүп жатты. Ал ойгоно электе Эрмат келип калды. Аны көргөн Женя:

- Ой, таң атпай кайдан? - деди күлө.

- Айтпайм, жок жоготтум эле табаар бекемин? - ал тамашалай үйгө кирди.

- Сен издеген нерсе биерде жок, - Женя аны тамашалап каткырды, - Ошончолук кымбат буюмбу ыя?

- Он тонна алтындан да кымбат, - Эрмат ого бетер ага күлүп ичке кирип келди, - Оой, менин ханышам алигиче уктап жаткан го? - Эрмат төшөк үстүнөн эле келинчегин баса калып уйпалап кирди. - Ушунча да уйкучу болосуңбу, тур эми!

- Азыр, койо турчу бир аз уктап алайын, - Адинай ыңгырана көзүн ачпай керилип эстеп койду, - Бир аз жатайынчы!

- Кой, түш болуп калды, Адинай. Кетебизби же жата беребизби?

- Каякка? - Адинай эми гана Эрматты көңүл бура карап, - Кайда барабыз? - деди.

- Үйгө. Апамдар сени келсин деп жатат, эми силерге тоскоол болбойм деп апам кечирим сурады.

- Эрик, мага бала керек, дагы барып алып катуу ооруп калсам эмне болот? Төрөгөндөн кийин барайын эмне болсо да, - Адинай кабагын сала жуурканга башын катты.

- Эми андай болбойт Адинай, апам өзү өкүнүп калыптыр, сенден дагы кечирим сурайын деп кейип отурат.

- Өткөн ишке өкүнгөндө эмне Эрик, алдын алып, болтурбоого аракет кылыш керек!

- Туура, алтыным.

Экөө бири-биринин сөзүн туура кабыл албай, ары кетип, бери кетип жатып акыры Эрмат жеңди. Экөө ээрчише үйдөн чыкканда Женя узатып калды. Женя кайрадан өз жашоосу менен алек, эки жарым жаштагы кызы басып калган, жаны тынбайт, анын кийим-кечесин, өзүн жуундурат, уктатып коюп дагы жаны тынбай алаксыганча аракет кылат. Залдын төр жагында стенка турчу, Женя үч жылдан бери жашап жатса да үй ичиндеги чоочун буюмду карап же көңүл бурчу эмес, стенканын үстүнө стол менен чыгып караса кагаздар турат, аны карап көрүп атып ары жагынан китеп көрдү, эки катар китеп жыйылып анын ары жагында он чакты таңгак акчаны коюп койгонун көрүп чоочуп кетти. Кайра ордундай кылып койду да бөлмөдөн чыкты: "Булар мынча акчаны кайдан табат? Эмне бизнеси бар болду экен, муну керектебей эмне коюп койгон?" деп ойлоно берди: "Хазар келгиче бир таңгагын алып койбойунбу, апамдарга жардам берсем болбойбу, билип калса чындыгын айтам да" деп кайра ички үйгө кирди. Столду коюп калчылдай китептерди жылдырып бирин алды да ордуна келип акчаны ары-бери кылып карап көпкө ойлуу отурду: "Кокус саналуу болсо жаман көрбөйбү, мен айтпагандан кийин эмнеге аларды карайсың десечи? Тазалап чаңын сүрткөм деп айтам да" деп өзү менен өзү кеңешип атты. Бирок акча алтын буюм сыңары адамды азгыргандай эле Женя да ага азгырылып туруп алды: "Жакында келем деди эле, ошого чейин бекитип койойун, анан сураса айтам да" деп өзүнчө бекитип койду. Ошондон үч күн өткөндө Хазар келип кызын өөп, Женяны кучактап сагынычын жазгыча өбүшүп турушту. Кызы "апа, апа!" деп тамтаңдап басып жаны тынбайт. Хазар келгенден телефондун жаагы тынбады. Хазар өз тилинде сүйлөшүп, ал арытан урушкандай болуп жатты:

- Хазар, - Женя анын жанына отуруп жай сүйлөдү, - Сен менден бирдеме жашырып жүрөсүң, сага тоскоол болбойм, андан көрө ачыгыңды айт!

- Жазгүл, ансыз да айтышым керек болчу. Сени, кызымды мен таштабайм, бирок өмүр бою кам көрөм, - деп дагы да ачык айтпай туруп алды Хазар.

- Аялың менен жашап жатасың, а мен сени эстеп түнү бою жуурканды кучактап ыйлап жатам… - Женя көз жашын кылгырта аны карады, - Мени да, өзүңдү да кыйнабай, биз жөнүндө ачык айтканың туура го дейм?

- Туура айтасың, Жазгүл, мен сенден бөлүнгүм келбейт. Сага үйлөнөөрүмдү айтсам ата-энем болбой койбодубу, - Хазар башын жерге салды, - Жазгүл, менден кете көрбө, өмүр бою сенин жашооңо кам көрөм!

- Болуптур эми, мен эбак эле ушуну сезгем, кандай десең да сен чеч, кызыңды ойло!

- Мен силерге бул үйүмдү калтырам, Жазгүл. Кызымды чоңойсо ата-энеме алып барам, - Хазар кызын эркелетип, алып келген ойунчуктарды карматып жатты.

- Ушунчалык тез чечилет деп ойлогон эмес элем, биз эми мындан ары сый гана болобуз Хазар. Сага ырахмат, мен кыйналып азап тартып турганда сууруп алдың эле, менден кетип калат деп ойлогон эмесмин…

- Жазгүл, алтыным, сен мага капа болбочу, шарт ушундай болуп калды!

Женя мисирээ үнсүз отурду, Хазар "билгени жакшы болду" дегендей кызын көтөрүп алып ары-бери басып жүрдү, Женя ыйлады, сооронду: "Ушундай болоорун жүрөгүм сезген, эми мага баары бир, кызым менен уулумду бел кылып жашайын. Кереги жок эч нерсенин, тагдырдын салганына көнбөскө аргам канча?" деп мелтиреп жата берди.

Хазар кетээр күнү гана экөөнү алып чыгып базарлатып экөө кафеге кирип тамактанды. Анан үйгө келгенден кийин:

- Хазар, мен сага ыраазымын, мен сенин аялыңмын, келсең келип тур, кызымдын атасысың, бирок… - деп көз жашка мууна отуруп калды.

- Ыйлаба Жазгүл, мен сени жакшы көрөөрүмдү, сүйөөрүмдү түшүн. Ички бөлмөдөгү стенкада силерди кыйналса керектесин деп койгон акча бар, ошону алып жок кылып албай урун, кызым чоңойгуча өзүм келип турам, - деди Хазар.

Ал түнү экөө тең уктаган жок. Бирин-бири аяп атып, Хазар акыры түштөн кийин коштошуп чыгып кетти. Ал кетээри менен Женя спальныйга кулады, боздоду, тагдырына таарына үч күн жатты. Анан акыры бугу чыгып, өзүнө-өзү кайрат берди. Ордунан туруп, жуунуп алып ата-энесине барды. Аларга бир боо акчаны бергенде алар кубанып кетишти.

- Кызым, күйөө бала эмнеге келген жок? - Атасы Женяны карап кызын алдына алып отуруп сурады.

- Ал колу бошобойт, ата. Андан көрө жашооңорду оңдогула, мал-сал алып эл катары жашагыла.

- Айла-анайын, ушу кызымдан бирдеме чыгат дечүмүн, тиги балдарың бизге бермек тургай өздөрү араң жашап атат.

- Кой чал, алар деле колунан келсе бергени эле турат, - энеси калыстык кыла сүйлөдү.

Эң кичүү иниси үйлөнүп, аялы менен Ошто жашап аткан. Агасы Россияга кеткен болчу. Эжелери күйөөдө, өздөрү менен өздөрү.

- Абдылда келсе мага жибергиле, ага бир аз тыйын берейин. Үй сатып алсын, аялынын көзүн карабай.

- Макул, балам, - эне ойлуу кызын карады, - Уулуңду алып келген жоксуңбу?

- Жок, ал окуусунан калып калат да, каникул болгондо алып келем.

- Ии-ий, - деп койду апасы жөн салды гана, бирок ал: "Чунак кызым ай, балаңды ойлоп атасың го. Байкуш Зуура аны бөпөлөп көзүн карап, оозунан чыкканын аткарып багып атканын көрүп туруп эмне кыла алабыз, элдин ушагы канча", деп өз ичиндегисин күйөөсүнүн көзүнчө айта албады. Бир жолу коңшусу ага: "Ботом, Зууранын баккан баласы Жазгүлдүн эле өзү да, чоңойгон сайын окшошуп баратат, тим эле союп каптагандай" дегенде: "Капырай кишиге киши окшошо берет да" деп койгон. Керимбек төртүнчү класска окуп калган. Көз карашы, мурду, кашы баары Жазгүлгө окшош экенин өзү да көрүп өкүнгөн эле: "Назгүлдүн тилин албай эле багып алсам болмок экен" деп ойлоп кала берген. Женяга буларды айтпады, купуя гана ойлонуп тим болду.

Женя эки күн туруп кайра кетти. Ал эми өзүн эмес, балдарын ойлоп жатты: "Балдарыма татыктуу эне болушум керек. Жаш болдум, жаман болдум, ойнодум-күлдүм. Баарына кайылмын, балдарыма жакшы тарбия бере алсам болду" деп гана бир чечимге келди. Бирок ал ушуну менен эле азабым бүттү деп ойлогон, андай болгон жок, Ырысбек эми ага өчөшүп: "Энеңди сенин, түрк күйөөңө сенин өлүгүңдү карматып салбасам элеби, алтын болуп кетсең да" деп ойлоп Базарбек менен келип үйүн көрүп алды да арам ойун ишке ашырууну ойлоп жатты. Баягы эки досуна өз сырын айтып: "Түрктүн үйүнөн баарын тапса болот, силер мен айтканды жасагыла" деп арак алып берип план түзүп жатты. Базарбекти Женя жеткиргенден кийин акырын басып анын үйүнө келип эшигин тыкылдатты.

- Ким? - Женя бейубак ким болду деп ачпай күтүп турду.

Көптө барып:

- Женя, мен элемин, Ырысбек! - деди акырын.

- Эмнеге келдиң? - Женянын жүрөгү лакылдап жини келип сурады, - экинчи тынчымды алба!

- Женя ачып койсоң, бат эле кетем, бир ооз сөзүм бар!

- Кереги жок, менин сенде кылдай сөзүм да жок! - Эшикти ачпай ичтен жиндене кыйкырды, - Азыр күйөөм келип калат, кетип кал!

- Бир мүнөткө эле, Женя, ачып койчу?!

- Бар деп атам, милиция чакыра электе!

- Женя, бала бар ортодо, Базаң үчүн деле бир ооз сүйлөшүп койсоң..

- Тынч кетесиңби анан? - Женя бала үчүн дегенде кыялбай ачып ийди, - Кана, айта турган сөзүңдү айта сал!

- Женя, - Ырысбек эшикти ачаары менен болбой эле кирип келди, - жай сүйлөшөлү да…

- Ырысбек, бир эле мүнөткө дедиң, баланы ортого салдың, эми жакшылыкча сөзүңдү айт да жөнө! - Женя босогодон жылбай ага мисирээ жооп күттү.

Ырысбек ага болгон жок, каалганы жаап ичинен илди да:

- Сен менин азап тартып жүргөнүмө карап, ойлоп да койбой шикарный үйдө түрк менен жыргап жатасың, бир ооз сөзүмдү уккуң келбей… - Ырысбек анын маңдайына келип, - Женя, жаным, сен мени бир жолу, бир эле жолу кабыл алып тээ баягыдай ырахат тартуулап, таттуу шыбырыңды кулагыма угузуп, моокумумду бир кандырып койчу?!

- Жинди болдуңбу, сенин аялың, менин эрим бар, эми тынчыраак жашоо берсең боло, Ырысбек!

- Менин жашоом сени менен кошо кеткен, аялым барбы же жокпу, баары бир, - Ырысбек колун шилтеди, - Мен сени менен гана бактылуу болчумун, билсең! - Ал аны көзүнө толгон ызасын чыгара карады.

- Ырысбек, сыйың менен кетип калбасаң милиция чакырам!

- Чакыр, өзү чакырган деп айтам, өзүң күнөөлүү болосуң, - Ырысбек аны тоотпой креслого отуруп калды, - Үйүңө келсем чай бергенге жарабайсыңбы?

- Ой кудай ай! - Женя аны жини келе карап ашканасына өтүп кетти.

- Аял акылсыз, алсыз деген чын да? - Ырысбек өзүнө-өзү корстон боло күлүп койду: "Алсыз аялды ар кандай кылып коркутса болот. Мен мунун күйөөсү катарымын, балабыз бар, бирөө келсе 'экөөбүз дагы эле жолугуп жүрөбүз, жөн эле жинденип атат' деп койом, өзү уят болот" деп бутун учкаштыра отуруп калды.

Женя андан кутулганга шашып чай алып келди:

- Кел, чай ич! - деп чыныны сунду.

Ырысбек чыныга кошуп анын колун кармай:

- Женя, сен мени унутуп койдуңбу, экөөбүз бири-бирибизди сүйчү элек го? - деди анын көздөрүнө тике карап.

- Менде эмне күнөө? Уят, намыс жеңди. Сенден никесиз экини төрөдүм, өзүң баарына күнөөлүсүң, колуңдан эч нерсе келген жок, эми менин ак никелүү күйөөм бар!

- Мен деле ак никемди бузуп сени менен жүргөмүн…

- Сени мен азгырган эмесмин, артымдан түшүп жүрүп өзүң кылгансың.

- Мына мынабул көздөрүң, апакай жүзүң, капкара кашыңа куюлушуп турган кырдач мурдуң, дал ушулар азгырган! - деди колун койо бербей туруп.

- Ырысбек, эсиң менен болчу, чай ич да үйүңө бар!

Женя ушул азыр аны карап туруп чындап эле өзү аны сүйөөрүн, сагынганын туйду, бирок аны эми жакындатпай алыс болгусу келди.

Ырысбек чайды алдына койду да ичпей эле сүйлөп жатты.

- Мен сени сагындым, абдан сагындым, сенсиз менин күнүм түнгө айланды, сен гана мени сууруп чыга аласың, сен гана мени сактап каласың…

- Ырысбек, чай иччи, көп сөз эми экөөбүзгө огожо болбойт, үйбүлөң, балдарың издеп калат, барчы…

***

Шакирдин көңүлү тынч. Керимбекти эрмек кылып жанына алып жүрүп оңуп калган: "Өз канымдан жаралбаса дагы аталап турат, ушуга канимет" деп оор күрсүнүп алат. Керимбек кол аякка жарап калган. Зуура Жазгүлдүн ээрчиткен баласын, өзүн көргөндөн кийин эле Керимбекти алардан кызганчу болду: "Бул кызы таштаган бала тура, аны билбей калышкан окшойт, болбосо бербейт эле. Эми бир күнү менин балам болчу деп келсе эмне болот? Жо-ок, апасы жакшы аял, ага барбайт, мен муну кандай мээнет менен бактым, жанымдай көрүп асыраган баламды кантип?" деген ой башына келгенде жер көчүп кетчү болду. Шакирге айтпады, ал андан кабарсыз, жанында аталап ойноп жүргөн баланы жумшай ырахатка батып санаасыз.

- Кекин, сабагыңды окудуң беле?

- Ооба, ата.

- Анда жүрү экөөбүз ылдый басып келели.

- Каякка? - Бала эдиреңдей ойноок көздөрү менен атасына суроолуу карады.

- Тээ ылдый, уза-ак барабыз, - Колун дөңдүн артына карай жаңсады, - Ал айылда менин атамдын баскан жери бар, изи бар! - Шакир ойлуу баланы колдон алды, - Мен кара жанымдын гана камын көрүп жашап калдым балам, менин ата-энем өтө жашымда өлгөн экен, кээде куран окутсам окутам, болбосо унутуп деле калам, - деп кобурап бара жатты. Анын ою алда кайда кетип, ачуу арман көкүрөгүн эзип, көзүнөн мончок жаш топ этип жакасына тамды. "Аттиң, атадан туулбай калсам эмне, атанын ордун басканга жарабадым. Жок дегенде ордун оңдоп, куран окуп, чак түштө ордун жоктоп эскере албадым", деп кете берди. Түш оой жетип келишти.

- Чарчадыңбы, уулум?

- Жо-ок, чарчаган жокмун, - Керимбек чакылдай жооп берди.

- Мына уулум, мен ушул жерде туулган экемин, - Ал ойлуу баланы карады: "Буга айткан менен менин ордумду баса алабы, чоңойгондо ата-энеси табылып кетип калса, сөзүм бекер калаар" деп кайра үндөбөй чөк түшө калып куран окуду. Мүрзөсүн деле көргөн: "Эмгиче боз дөбөлөр көбөйүп таанылбай калды го?" деп секичедеги топ мүрзөнүн четине жетип куран окуду да артына кайтты. "Атанын атын алып жүрчү бала боло албадым, минтип тукумсуз кетип баратам" деп дагы күрсүнүп алып жолго түштү.

- Ата, сиздин атаңыз каякта эле?

- Атам согушка кеткен, уулум.

- Согуш каякта, кинодогудайбы?

- Ооба, ошол кинодогудай согушка кеткен.

- Анан ал качан келет? - Керимбек балалык кыялы менен сурай берди.

- Ал келбейт уулум, согуша берет, согуша берет…

- Ай-ий, кечке эле согуша береби? Калп айтпаңызчы, согуш бүтүп эле атат го кинодо.

- Ал кино да, балам, менин атам чыныгы согушка кеткен, - деп аны мулуңдай карап, - Чарчадың окшойт ээ, уулум? - деп койду башынан сылай. Алар кеч келди. Эми эле үйгө кирип көчүк басып бир чыны чайды колуна алганда коңшусу кирип келип:

- Ой Шакир, сүйүнчү! - деп колундагы гезитти ага көрсөтө, - Мынабу сенсиңби, ыя? - деп суна берди.

- Эмне экен ал? - Шакир гезитти колуна алып сүрөттү карап таңыркап, алдындагы "издөө салам" дегенди окуп кирди:

"Мен Калыков Шакирди издейм, жетимиш экинчи, жетимиш төртүнчү жылдарда апам Каным Бообекова менен жашап кеткен экен. Мен ал кеткенде бойунда калган экенмин. Апам кайтыш болгон, мен атам Калыков Шакирди таап ага жолуккум келет деп, Мээримбек".

Муну окуган Шакирдин кулагы чуулдап, өзүн-өзү жоготуп барып токтоду. Дареги жазылып турат: "Оо жараткан, деги ушул чын болду бекен? Каным өзү айтып кеткен экен да" деп отура берди.

Зуура менен коңшусу аны карап туруп, анан Зуура:

- Шакир, сага эмне болду ыя, тынччылыкпы деги? - деп аны ийинден аста кыймылдатты.

- Аа-а, - Шакир эсине келгендей, уйкудан жаңы ойгонгондой ага карады, - Чынбы-төгүнбү, билбей турам Зукеш, мына муну окучу! - деп гезитти бере койду.

- Шакир, өзүңдү карма, ушул дарекке бар, телефон чал, анан көрөсүң, - Зуура аны далыга таптады, - Эстүү жансың, балаң болсо жакшы болуптур, бир арманыңдан арылаар күн бар экен…

- Ооба Зукеш, ак жолтоюм менин, сага жолукканы эч жамандык көргөн жокмун. Кой, эртең эле телефон чалып билейин, - деп калдактап калды, - Бүгүн атамдын журтуна Кекин экөөбүз барып келдик эле, ошол жерде отуруп жүрөгүм бир башкача өрөпкүп барып, анан токтогондо кайдан, эмнеге сүйүнөөр экемин деп ойлоп койгом… - Шакирдин көздөрүнөн кубанычтын жашы ыргып жатты.

- Кой Шакир, кубанычты көтөрө албай ооруп калба, өзүңдү карманып токтоо бол, - коңшусу ага акыл, насаатын айтып отурду, - балдар окуп атыптыр, анан менден сурайт сенин атаңдын атын, анан өзү көрсүнчү, башкабы же албы ким билет деп көтөрүп келбедимби! - деп коңшу аял да Шакир үчүн кубанычын жашыралбай, - Ботом илгертен эле карында кеткен бала ошентип таап келет, - деди аны карап, - Ошондо канчага чыгып калды экен?

- Жыйырма бештен өттү го дейм…

- Оо кокуй десе, чоңоюп калган тура, кой алып келип ал, сени караан тутуп издеп атат да, - деди да ордунан туруп чыгып кетти.

Зуура экөө кеңешип эртеси эле кабарлашмак болуп жатып калды. Телефондордун бири алса бир албай кыйналып жатып, үчүнчү күнү алды. Дароо эле байланышып "келип кал" деди. Ошентип алар күтүнүп калышты. Бир жумадан кийин үйүнүн алдына машина келип токтоп калды. Шакир менен Зуура чыга калып карап калды. Узун бойлуу жигит келип учурушканда ал боорун ача:

- Мээримбексиңби? - деди көзүнөн жаш куюла колдору калчылдай.

- Ооба, сиз…

- Мен… мен Шакирмин, уулум! - деп кучагын жая бергенде ал дагы кучактап калды.

Зуура шашып чыныга суу алып чыгып:

- Эңкей балам, - деп башынан тегеретип чачты да, - Балакеттин баары ушуну менен кетсин. Кир үйгө, киргиле, - деди колун жаңсай.

Ата-бала ээрчишип үйгө киришти. Зуура дасторконун жайып, болгонун коюп жатты. Зуура ата-баланы карап отуруп таң калып жатты: "Куюп койгондой окшошун кара, ооздон түшө калгандай экен! Байкуш Шакир тукум улаарым жок деп ойлонуп жүрчү эле, жакшы болду, атасынын ордун басаар табылды" деп кубанып жатты.

- Ата, машинада келиниң менен неберең бар, - деди бир топтон кийин Мээримбек.

- Кокуй, жүргүлө алып кирели, - Зуура шашып тура калганда, Шакирлер да сыртка чыкты.

Машинадан келин менен эки жашар бала түшкөндө Мээримбек:

- Асел, атамдарга жүгүнүп кой, - деди эле келин жүгүнүп калды.

Зуура менен Шакир аны өөп:

- Балам, жүгүнбөй эле кой, кызым болосуң айланайын.

Шакир небересин көтөрүп үйгө киришти. Шакир шашыла дайындап койгон койун сойдуруп конок камын көрүп жатты. Кубанычы кучак жеткис, өзүнө окшоп узун бойлуу жигиттин өз баласы экенине ишенип-ишенбей толкунданып, ушул азыр түш көрүп жаткандай болуп турду. Келини Асел отуруп албай Зуурага жардам берип жүрдү. Колу-коңшулары келип Шакирдин баласын көрмөк болуп кирип-чыгып жатышты. Койдун эти бышып, коңшуларын кошо чакырып тойго айлантты.

- Шакир, уулуң, неберең кут болсун!

- Рахмат, айтканыңар келсин, - Шакирдин чечекейи чеч боло кубанганына чыдабай көзүнөн жаш кылгырып жатты.

- Ырысың бар экен Шакир, зыңгыраган уулуң бар экен, аман болсун!

- Өмүрлүү болсун, ушунун ыраатын көр! - дешип дуулдап жатышты. Эл кетип өздөрү калгандан кийин Мээримбек атасы менен көпкө сүйлөшүп отуруп чөнтөгүнөн эскирип саргайып калган баракты алып берди.

- Бул мен армияда жүргөндө апам катуу ооруп калган экен, ошондо ал бул кагазды таштаптыр…

- Балам, мен эчтеке билген эмесмин да, билсем Каным менен эле калмакмын.

Шакир кагаздын бүктөмүн ачып окуй баштады: "Уулум, мен сен келгиче чыдай албайт окшойм, оорум катуу. Эми сага мен бир сырды ачып берип кетейин, сен Шайырбек экөөң бир туугансың, бириңе-бириң жөлөк, бел бол. Сенин атаң Шакир деген болчу, ал менин боюмда бар экенин билбей кетип калган. Кийин иштеген жерине барып таппай койдум. Анын кай жердик экенин да билчү эмесмин. Атаңды таап ал балам, ал сага жөлөк болот. Шайырбектин деле атасы бар, ал кыйналбайт, сен сөзсүз атаңды таап ал, мен өз милдетимди аткаралбай калдым. Көзүмдүн тирүүсүндө өзүм катташтырам деп жүргөн элем, ага жетише албай калдым. Мени кечир балам, келгениңде сөзсүз издеп тап. Каным апаң" деп жазганын окуп анан уулуна карады.

- Ата, аскерден келсем апам жок, катты мага таенем бар эле, ошол берди. Андан кийин иштедим, үйлөндүм, анан издеп көрүүнү туура көрдүм.

- Ушуга да шүгүр уулум, мына жашым элүүдөн ашты, тукум улаарым жок деп кайгырып жүргөндө өзүңдүн келгениң мага бакыт болуп турбайбы. Башка балам жок, үйлөнбөй канча жыл жалгыз жашадым… - Шакир ага ичкүптүсүн айтып атты, бугун чыгара сүйлөп отурду.

- Кам санабаңыз, буйруса сиз жасай албаганды мен жасайм, буйруса иш жакшы, кайын журтум жардам берип, ишим жүрүп жатат.

- Ошондой болсун балам, аргам кетип жалгыздыктан кыйналганда ушул аялга жолуктум, кудайга шүгүр, сенин келгениң…

Эртеси Шакир Мээримбекти ээрчитип эски журтуна барып, бейитке куран окушуп, анан кайра келишти. Асел Зуура менен сүйлөшүп сырдашып, эне баладай мамиледе болуп кетти. Колунан ишин ала коюп жанында жүргөндө саамга ойлонуп кетти Зуура: "Менин уулум деле ушундай кыргыз кызына үйлөнгөндө болмок, жанымда отурса жакшы эмес беле. Орус келиндин тилин билбесем, сүйлөшө албасам кандай болот? Келин жумшайм деген тилегим ишке ашпай калды го, мейличи жалгызым аман болсо болду" деп отурганда Асел:

- Апа, сиз эмнени ойлонуп кеттиңиз? - деди күлө карап.

- Ээ балам, ойлонбой кантем, менин жалгыз уулум орус аял алып алган, ошону ойлонуп кеттим…

- Кайда жашашат?

- Ал Орусияда аскердик кызматта.

- Оой апа, аскердик кызматта болсо анда балаңыз чоң адам турбайбы? - Асел аны кучактап өөп койду, - Капа боло турган жөнүңүз жок экен да.

- Кудайдын кулагы сүйүнсүн айланайын, аман болсо болду, - Зуура үшкүрүнүп отуруп калды.

Мээримбек Шакирди башынан аягына чейин кийгизип, Зуурага өз каалаганын алып берди. Керимбекти да куру койбой ини катары ээрчитип жанына салып, машинага баласы экөөнү отургузуп алып ары-бери айдап ойнотуп жүрдү. Эл Шакир менен Зуурага суктана карап сөз кылып жатышты.

***

Ырысбек менен Женя көпкө урушуп-талашып отурушту. Акыры экөө кайрадан камыр-жумур болуп, бир төшөккө баш урушту. Ошондон кийин Ырысбек күн алыс келип турду. Кайрадан үмүт оту жанып, ага болгон сүйүүсү күчөй берди. Зейнеп аны көптө барып байкады. Качантан бери эрди-катын болуп бир төшөккө жата элек. Негедир Ырысбектин көңүлү жайдары болуп калганын байкаганда: "Женяны акыры унутат да, балдарыбыз турат, кайда бармак эле" деп ойлоп, дасторкондо отурганда:

- Ырысбек, эми экөөбүздүн жаштыгыбыз калган жок. Балдар чоңойду, жакында уулубуз үйлөнөт, мына экинчи курс болуп калды, - деди.

- Эмне кыл дейсиң? Жашап жатасыңбы, болду да, - деп күңк этип койгондо, Зейнеп чарт жарылып кетти. Балдары туруп кетип, экөө эле болчу.

- "Жашап жатсаң болду да" деп, мен сага темирминби? Менин да жаным бар, эңсөөм бар! Сен өзүңдү ойлонуп мени кандай ойлобойсуң? Мен темир эмес, тирүү жанмын!

- Тирүү жан болсоң сөйкөнчүгө сөйкөнө бер!

- Эмнеге башкага сөйкөнөм, биротоло ажырашып анан сөйкөнөм билсең, сот менен ажырашам, канча жылдык эмгегим бар.

- Берсең бере бер, деги мени жайыма койчу, сени көрөйүн деген көзүм жок!

Ырысбек ордунан туруп кеткенде Зейнеп отурган жеринде ыйлап калды: "Мен сага көрсөтөм, көргүң келбесе ошону сага көрсөтөм" деп Ырысбектин артынан чыгып таппай калды.

- Шуркуясына дагы бара баштаган экен, экөөңдүн колуңардан өлөйүн же бириңди өлтүрөм! - деп сүйлөнүп алып Женянын үйүн көздөй жөнөдү. Жолдо көз алдына Ырысбек экөөнүн бактылуу кездери тартылып: "Ушул болбосо мен бактылуу жашамакмын" деген ойдо ушул азыр эмне болоорун, кандай күндө калаарын ойлоп койбой Женянын үйүнө жетти. Каалганы такылдатты:

- Ким? - Женя Хазар экен деп жүрөгү оозуна тыгыла түштү, Ырысбекти төркү үйгө киргизип бут кийимдерин катты, - ким деп атам?

- Мен эле, Женя!

Зейнептин үнүн укканда Женя ого бетер калчылдап кетти. Эшикти ача бергенде Зейнеп:

- Женя, эмнеге менден коркуп кеттиң? - деп ага куру жылмая эшикти ачаары менен ичкери кирип, - Өзүң элесиңби? - деди.

Өңү кумсара жылмайганы өзүнө коошпой турганын көргөн Женя ого бетер алдастай сөз сүйлөөгө чамасы келбей калды:

- Түндө келсеңиз, анан да түрүңүз жаман, тынчылыкпы деги?

- Тынчылык эле, жок издеп жүрөм… - Зейнеп эки жакты алаңдай карады, - Ырысбекти жоготтум!

- Коюңузчу эже, сиз экөөбүз ынтымак менен сүйлөшүп баарын чечпедик беле, ал биерге эмнеге келмек эле? - Женя колдорунун калтырагын көрсөтпөй кызын ала койду.

- Эгер ал жок болсо мен тынч чыгып кетем, биерден тапсам бирибиз өлүүгө тийишпиз! - Зейнеп ички бөлмөгө кирип карай баштады. Ошол кезде спальныйдын алдында жаткан Ырысбекти көрө коюп, - Эмне биякка бекинип алдың? Шуркуяң сени келген жок дебеди беле? - деп бутунан тартканда Ырысбек аны тээп жиберди:

- Тур, азыр жогол, мен сенден бекинген жокмун! - деп чыга калып аны колунан сүйрөп, сыртка чыгармак болгондо Женя телефондун кулагын бурап милиция чакырганга үлгүрүп калды.

- Эй жалап, бирөөнүн эрин үйүңө катып алып анан милиция чакырып актанганы турасыңбы? - Зейнеп Ырысбекти түртүп ийип, тигиге жеткенде Женя кызын ары отургуза койду да:

- Сага жалапты көрсөтөйүн! - деп аны тээп ийди.

Ырысбек Зейнепти дагы тепкилеп сыртка чыгарып кетмек болгондо босогодогу кийим илгич темирди кармай койгон Зейнеп Женяны башка чаап калды. Ал чалкасынан түшүп калганда Зейнеп Ырысбекти да бир чапты. Экөө тең жатып калганда ал эми чыгып кетмек болуп ыйлап аткан кызды көрүп байырлай: "Эмне кылып салдым? Кой, тезинен кетип калайын" деп босогого жеткенде алдынан милициялар чыгып аны кармап калды. Алар Женя менен Ырысбекти ооруканага жеткирип, Зейнепти камап койду. Ырысбек жеңил жаракат алган экен, ал ооруканага жеткенде эле эсине келди:

- Мен кайдамын, Женянын абалы кандай? - деп сурады.

- Анын абалы оор, мурун да башынан жаракат алган экен, дем алышы оор, - деди врач.

- Ошол катынды жоготкулачы! - Ырысбек Зейнепти колунан келсе өлтүрүп койгусу келип турду.

Бирок аны койо беришпеди. Женя үч-төрт күндөн кийин гана өзүнө келип:

- Мен ал аялды күнөөлөбөйм, баарына Ырысбек күнөөлүү, ошонун кылганы, - деп бир сөзүнөн танбады.

Ырысбекти моралдык жактан үйбүлөнүн тынчын алып бузукулук кылганы үчүн, мурда эки баланы мыйзамсыз төрөтүп адам укугун тебелеп кордогону үчүн соттомок болду Женя:

- Мен да Зейнеп эженин ордунда болсом ушул ишке бармакмын. Ырысбек Баатырканов мени жашымдан бери өз аялындай артымдан жүгүрүп жүрүп эки бала төрөгөм, канча качсам да менин жашоомо тынчтык бербей келди.

"Ырысбек адамдык укугумду тебелеп, мени өзү билгендей кордоп келгени үчүн өз жазасын алсын" деп көрсөтмө берип арыз жазды. Анын көрсөтмөсү бойунча Ырысбек сот жообуна тартыла турган болду. Милиция Зейнепти бошотту. Ал өзүн билбей ачууга алдырган, үйбүлөлүк намысын коргогон, мурда соттолбогон үчүн бошотулду. Ырысбекти беш жылга соттоп ийишти. Зейнеп: "Мен Ырысбектин алып келген баласын өз баламдай кылып эч кимге даттанбай үйбүлөнү сактоо үчүн жашап келдим. Ырысбек мени аялы эмес чоочун аялдай карап, эне катары сыйлабай кордуктарды көрсөткөн. Баарына чыдадым, акыры артынан барсам ал мени ошол жерден да уруп, сабаганынан өзүмдүн эмне кылганымды билбей калдым", деп жазып берди.

Сот Базарбекти энесине берүүгө уруксат берип, Женя уулун жетелеп башка жакка көчүп кете турган болду. Ошентип сүйүүнүн арты күйүү менен бүтүп, Зейнеп балдары менен жылуу-жумшак өз үйүндө калды.

Шакир уулун "айылга көчүп кел" деди эле, ал макул болду. Эки жуманын ичинде көчүп келип, ураган дубалды түртүп салып үй курууга киришти. Алар келгенде айыл эли аларды өрлүктөп бири нанын, бириси тамагын көтөрүп келип кубаттап жатты. Ошондо Калыктын туугандарынын жогун эске алып, мындайраак туугандарынын Шакир теңдүү баласы козусун союп келип бакылдап жатты:

- Ээ Шакир, анда мен да бала болчумун, атам көп айтчу: "Калыктан жалгыз бала калды, кийин таап катышып ал" деп. Атам карыганда айткан, өзүң билесиң, жашоо эптеп өтүп атат, сени издегенге убакыт болбоду.

- Эчтеке эмес, тууганым бар экенин билсем өзүм издемекмин, эми мына, ата-журтумду жаңыртып уулум келди, куран окуп койолу! - дегенде элдин баары:

- Туура айланайын, куран окубай анан! Бечара Калыктын согуштан катуу жаракат алып келгенин көрүп калдым, - деди сексенден өткөн кары киши.

- Ооба, мен дагы көрүп калдым, үйлөнбөйм дегенине карабай апасы ага аял алып берди эле, кайран киши ушуну билген экен, уулу өлсө да артында туяк калсын деген да? - деп көбүрүп-жабырып атышты. Ата-арбактын жолуна атайын куран окуп союш союшту. Анан Мээримбек үйдүн жерпайын түптөп бат эле дубалын, үстүн жаап койду. Үй бүткөнчө айыл элинин Калыкты билип-уккандары тамак ашын жасап келип турду, жардам беришти. Шакир ошондо: "Аттиң, мен деле эптеп баштасам эптеп уулума уят болбой бүтүп коймок экемин. Мейли, балам жок деп кайгырчу элем, неберелүү да болдум" деп алдында отурган небересин жыттап коюп оор күрсүнүп алды.

***

Женя Оштон Бишкекке кете турган күнү ата-энесине келди. Аларга кеңешип, кетээрин айтканда апасы:

- Кызым, аякка барып эмне кыласың? Атаң экөөбүз деле бышкан алмадай сабагынан үзүлөөр мезгилге келип калдык, сен эми шаарга барбай эле биздин маңдайыбызда бол, - деп туруп алды.

- Жо-ок апа, кетпесем болбойт, балдарым менен силерге жүк болбой кете берейин.

- Анда бизди биротоло көөмп коюп кет! Ушунча жыл талаалап жүргөнүң жетет, күйөөң келгиче үйүңдө туруп тур, - деп урушту, талашты.

Женя апасынын айтканына акыры көнүп, үйүнөн кетпей Хазардын телефон чалуусун күтүп калды. Болгон акчаларын апасына каттырды. Анан Хазар телефон чалганда ага болгонун айтты эле, ал келмек болду. Үч күндөн кийин келип баарын уккан Хазар:

- Анда мындай, сен бул үйдү сат дагы, шаардан үй сатып алып ошол жакта бол, - деди.

- Ошондой кылайын дегем, сага кеңешейин деп сени күтүп аттык.

- Сага тынч жашоо бербесе ошондой кыл, мага да жакын болосуң.

- Үйдү сатып бер да экөөбүз үй караштыралы, балдарды апам карап турат.

Экөө кеңешип жарнама беришти. Эмереги менен сатыла турган үйгө кардар бат эле табылды, бирок баасына чыдай албай экөө-үчөө кетти. Ошондо Хазар:

- Жазгүл, бул үйдү сатканда не, менин кызым турбайбы, бул үй кызыма калсын. Азырынча бирөөнү киргизип кой, иниңди киргизсең болоор? - деп Женяны карады.

- Макул, - Женя ага да макул болду.

Хазар Бишкектен ага бир бөлмө үй алып бермек болуп, офисинин телефонун таштады да жөнөп кетти. Женя жалгыз коркуп көпкө ата-энесинин үйүндө жүрдү, анын ойунда ушул айылда чоңоюп жаткан уулун көрүп, жок дегенде бир өөп алуу болуп жатты. Бир күнү көчө бойлоп кызын коляскага салып алып атайын Зууранын үйүн акмалай кетип жаткан. Базарбек жанында болчу. Алардын үйүнө жете берээрде үч-төрт бала менен куушуп ойноп жүргөн Керимбекти Женя токтотуп калды.

- Кимдин баласысың?

- Шакирдин… - Керимбек аны жал-жал тиктеп туруп калды.

- Ыкы, аны багып алышкан! - деди бир бала ары карай качып.

Аны Керимбек кууп жетип кармап тепкилеп киргенде Женя аларды арачалай калды. Ошол кезде Шакир үйүнөн чыга калды.

- Эмне болду? - деп Керимбектен сурады ал.

- Эчтеке! - деп тетири бурула берди бала.

- Айтчы уулум, сага эмне болду? - деп Шакир бери келатып Женяны, анын жанындагы баланы көрүп делдээ калганда Женя колясканы түртүп басып кетти. Шакир таңгала уулуна жетип көзүнөн жаш агып жатканын көрүп чоочуп кетти, - Тигил аял бирдеме дедиби? - Шакир: "Мен сенин апаңмын деген окшойт, жанындагы балага окшош экен", деп күдүк ойдо турган эле.

- Тетиги аялдын көзүнчө багып алган деп атпайбы?! - деп Керимбек ыйлап жиберди.

- Ким? - Шакир ачуусу келгендей сурады.

- Туратбектин баласы, - Керимбек бырылдап ыйлап үйдү көздөй жүгүрүп кетти.

Шакир эч нерсе дебей анын артынан басты. Бирок Женяны, анын жанындагы сегиз-тогуз жашар баланы көз алдынан кетире албай жатты. Керимбек үйгө киргенде Зуура аны карап:

- Эмне болду, уулум? - деди аны чочулай карап.

- Мени кайдан багып алдыңар эле?!

- Эмне, ким айтты ботом?

- Айтпайсыңарбы, мени багып алдыңар беле? - дегенде Шакир кирди.

Зуура экөө тиктешип туруп калышты: "Унчукпа, ызасы басылсын" дегендей Шакир башын чайкап койду.

Женя болсо эч качан бул баласын ала албасын сезип экинчи бул айылда тургусу келбей эртең эле жолго чыкмак болуп жүрөгү сыздай кетип жатты: "Бул айылга келгенде уулумду көрүп күйгөнчө эки балам менен жай турмушумду өткөрөйүн, балким айтылаар күн келээр, издеп табаар, аман болсо акыры көрөөрмүн" деген ойдо баратты.

Зуура ичтен тынып: "Өз өлтүрбөйт, жат жалгабайт" деген ушу да, кайсы күнү басып кетээр экен, кагылайын каралдым? Аман болсо болду, андан башка арманым жок" деп ойлуу Керимбекти кучагына кыса телмирип калды...

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз