Айгүл ШАРШЕН


"Керемет сүйүү туткуну"


Ооба, сен сүйгөн адам өзүң сүйгөндөй сүйүп шурудай тизилип өтө берчү өмүрүңдү шаңга бөлөп турса анда бакыт кушу башыңа конгону. Сени сендей сүйбөй, кадырыңа жетпей акактай таза сүйүүңө түкүрүп койбой жүрөк оорутуп, жашооңдун ар бир мүнөтүн кайгы менен азапка салып санаа менен өткөрсө анда сүйүүнүн кимге кереги бар???

Сүйбөй эле же сүйүүнү сезбей өмүрлүк жар, уул-кыздын энеси болуп жашоонун ырахатын беймарал өткөрүүгө не жетсин?

Бирок жаштыктын делөөрүткөн учкул шамалдай шуулдаган курагы жаштыктын кайталангыс шаңына бөлөгөн кезде кимдер гана башынан сүйүүнү кечиргиси келбейт, ким сүйүп, сүйдүргүсү келбейт?

Акинай да жаштыгына чиренип өзүнүн тагдырынын кайда бурулуп кетээрин билбей, түбөлүк сүйүүнүн кулу болуп, өзү сүйгөн адамга жеткенине кубанып алдамчы сүйүүгө өзүн өзү жипсиз байлаганын сезбеди. Бекзат экөө мектепте эле бири-бирине жакшы мамиле кылышчу.

Убакыт жетип мектепти бүтүп, бүтүрүү кечесинде да чогуу болушту. Шаарга да чогуу келишти. Акинай КМУнун орус тил бөлүмүнө тапшырып окуп калды, Бекзат юридикалык факультетке окуп, анан алар ар убак жолугушуп турат. Акинай бул сезимге кабылганы өзүн башкача алып жүрдү, Бекзатты бүт жандүйнөсү, балалык таза жүрөгү менен сүйдү. Окууларын бүтүп өз алдынча иштегенге чейин Акинай аны башка кыздардан кызгана берчү, андай убакта өзгөчө өзүмчүл жаралган Бекзат аны далай жолу урушуп:

- Акинай, билесиңби сен, мен сени сүйбөйм, эч качан сүйгөн да эмесмин, классташ катары гана мамилебизди сүйүүгө тогобо! - дегенде Акинай:

- Сен абдан эгоистсиң, сүйүп турсаң дагы сүйгөнүңдү айтпайсың, баары бир мен сени эч кимге бербейм! - деп өз оюн бербейт.

Бекзат ага таарынып өзү көргүсү, жолуккусу келип турса да келбей жүрүп алды. Акинай анын окуган жерине бир күнү келсе ал бир кыз менен кыналыша ийнине колун коюп бирдемелерди сүйлөшүп күлүп атышкан экен.

- Бекзат! - деди көрүп эле, - Бери келсең, - Акинай жылдыздуу жүзү менен ага жылмайып койду.

- Азыр, - Бекзат эч нерсе дебей жанындагы кызга, - Кечирип кой Гулзар, мен азыр, - деди да Акинайга жеткенде ал аны колдон ала ары көздөй басты:

- Эмне бат эле мени унутуп калдыңбы, Бекзат? Аны сүйбөйсүң, анын сезими менен гана ойноп жүргөнүңдү түшүн, сен меники гана, меники болосуң, уктуңбу?! - дегенде Бекзат каткыра анын ийнине колун арта жанаша басып кетип баратты.

Кыздар мостойо Гүлзарды карады:

- Ушу Бекзатка ишенбе дебедик беле, ушундай жеңил жигитти билбей биз ишенип алганыбыз жаман, - деди кыздардын бири.

- Ошону айтсаң, жигиттердин алдамчыларына жолуксаң шоруң.

- Гулзар, сен ага ишенбе, бул кыз менен дайыма бирге жүргөнүн көрөм, - деп Сырга аны карады.

- Кызда-ар! - деп Гулзар кыздарды карап алаканын чапкылады, - Мени ошого алданат деп турасыңарбы, мен деле аны ойнотуп жүрөм, башка жигитим бар!

- Гулза-ар, сен такай умныйсың ээ?

- Туура кылат.


- Ал жигитиң бул менен турганыңды көрүп койсо кантесиң? - Сырга аны таң калгандай сурады.

- Билесиңерби, чыныгы сүйүү мага келе элек, азыр жигиттердин башын гана айлантып жүрө бериш керек, жаштыктын доорун өзгөчө өткөрүш керек, кыздар, - деди Гүлзар каткыра, - Мындайларга башым да оорубайт.

Сырга баш болгон кыздардын бири ага суктана караса, бири аны туура түшүнүп, дагы бири аны: "Бул бузулуп бараткан го" деп үнсүз туруп калышты.

Акинай менен Бекзат алардан узагандан кийин өздөрүнчө кужулдашып паркка бет алышты:

- Акинай, сен абдан сулуу, акылдуу кызсың, билимдүүсүң окууңду бүтсөң мугалим болуп иштеп өзүң жактырган жигитке жолугасың.

- Бекзат дейм, сени мен эч кимге бербейм, сен мени жөн гана кызгантып жатасың, андайга жол берчү мен эмесмин! - Акинай ойноок жаш секелектей оштоно анын чачтарын уйпалап койду, - Жүрөгүң мен деп гана согорун билип турам.

- Акинай дейм, сен мага жолтоо болбой жүрчү ээ?

- Болом!

- Эмне үчүн? - Бекзат анын жүзүнө эңкейип алып көздөрүнө карап мурдунан чымчып койду.

- Ошого! - Акинай аны жаагына алаканы менен нукуй күлүп качты, - Мен сени ар дайым жанымдан чыгаргым келбейт, уктуңбу?

- Макул-макул, токто эми, мен сени гана сүйөм, сени гана! - Бекзат жетип кучактап калды, - Ыраазысыңбы эми? - Кулагына шыбырай, анын кытыгысын келтире сөөмөйү менен колтугунан нукуп койду.

- Мен билгемин сенин ушинтээриңди, сен меникисиң, меники гана болооруңду жүрөгүм билген! - Акинай өзүнчө жүзү албыра анын мойнуна колун артып алып кубанычтуу сүйлөп атты, - Жүрөгүм мени алдабайт!

- Туура, мен сенин сүйүүңө сүйүүм менен жооп берем, Акинай. Мен сени гана сүйөм, сүйөм, сүйөм, сүйөм!!!

- Рахмат Бекзат, ыраазымын!

Кыз ушул учурда өзүн дүйнөдөгүлөрдүн эң бактылуулардын бактылуусу сезип турду, бирок өмүр бою аны сүйгөнү үчүн өмүр бою ага сүйүүсүн колко кылып жалдырап жашап өтөөрү оюна да келбеди...

Акыркы курсу болчу, Бекзат келем деп коюп кечигип жатты. Акинай жатаканасында күтө берип тажап кетип ал окуган окуу жайга жөнөдү, ал келгенде эч нерседен капарсыз гана Бекзат баягы эле Гүлзарды кучактап алып аудиториянын коридорунда турган экен. Жанына жетип келип Гүлзарга тике карап:

- Өзүңдү сүйдүрөм деп убара болбо, Бекзат сени сүйбөйт, уктуңбу, ал мени гана сүйөт! - дегенде ал ага бөйрөгүн таяна мыскылдагандай күлө сүйлөдү:

- Менби же сенби сүйүүсүн таңуулаган, өзүн сүйдүрөм деп эркектердин артынан жүгүргөн? Колуңдан келбегенден кийин сүйбөгөндүн артынан жүгүргөнчө өлбөйсүңбү?!

- Эмне-е?! - Акинай ага ачуу чаңырды да, жаакка чаап-чаап жиберди, - Мен сендей сойку эмесмин, биз бала кезден бири-бирибизди сүйөбүз, уктуңбу?

- Сүйөт имиш, өзү чуркап жүрөт, мен аныңды бут аарчы кылат бекемин? - деп Гүлзар аны чапмак болгондо Бекзат анын колун кармай өзүн чаап жиберди:

- Шуркуя!

- Бас жаагыңды, мен сендейлердин далайын артымдан жүгүрткөн кызмын, алдагыңдын өлүгүн колуңа карматам, шашпа! - деп Гүлзар шашпай ары басып кетти.

- Кеттик Акинай, мен сени кызгантайын, дагы жакшылап сүйсүн деп ойлоп жатпаймбы, - Бекзат Акинайды белинен кыса кучактап кетип жатты.

Акинай ызаланып алган, көзүнүн жашы мончоктоп агып сүйлөөгө дарманы келбей:

- Эмнеге мага ишенбейсиң, эмнеге менин сени сүйөөрүмө түшүнбөйсүң? - деп жанында улутунуп кетип атты, - Сен жанымда болсоң эле мага дүйнө сулуу, аалам кең, айланам көрктүү, дүйнөм түгөл, сен жок бир нерселерди жоготкондой жалгызсырай берем, сен аны билбей көрүнгөн кыздар менен жүрөсүң?

- Кечирчи Акинай, мындан кийин эч качан андай болбойт, сенден башканы сүйбөйм деп сөз берем! - Бекзат аны өөп койду.

- Мен ишенем сага, баары бир жүрөгүң мени алдабасын билем, сен мендик гана болосуң, чынбы? - Акинай аны жаштуу көздөрү менен карады, - Сен мени сүйөсүңбү, Бекзат?

- Сөз жок сүйөм Акинай, биз бактылуу болобуз! Быйыл үйлөнөбүз ээ, ошого макулсуңбу?

- Мен сенин жаныңда болсом эле болду, сен мени таштабачы, таштабайсыңбы?

- Эч качан, эч качан таштабайм!

- Мен сени менен гана бактылуумун Бекзат, сенсиз жашоомду эч элестете албайм, - Акинай жигитинин төшүнө башын жөлөй шыбырай берди, - Мен сенсиз жашай албайм, жашагым да келбейт, таштабачы Бекзат, таштабайсыңбы мени?

- Тентек кыз десе, ушунчалык сүйгөнүңдү таптакыр билбепмин, мен сени түшүнбөгөнүмдү кара. Кечир Акинай, эч качан таштабайм, сен меники гана болосуң, - Бекзат кыздын оозун алаканы менен жаап, - Кечирчи мени, ишен мага, мен сени таштабайм, бир мүнөткө дагы, - ойлуу кучагына кызды бекем кысып алды, - Сүйөм деп айтуу оңой, сүйүш кыйын, сенин сүйүүңө сүйүүм менен жооп берем, ишен мага Акинай!

- Ишенем сага Бекзат, сени балалык байоо кезимден назик жүрөгүм менен кайталангыс сүйүүм менен сүйдүм, сен мени түшүн, таштабайсыңбы мени, таштабачы ээ? - көздөрүнө тигилди, - Мен сенсиз суусу жок какыраган чөлдө, эки жагы көк мелжиген зоонун ортосунда, бороону буюктурган ызгаардуу кышта жападан жалгыз калгандай сезем...

- Жинди десе, сүйүү адамды жинди кылаарын мен сезбепмин, сенин сүйүүң мени акылыма келтирди. Ооба, бул кайталангыс бир келген өмүрдө дастандарда, ырда, китепте гана калчу сүйүү! - Бекзат ордунан туруп куду сахнада рол аткарып жаткандай колдорун жая ары басып барып кайра бурулду, - Мен сени өмүрүм өткөнчө колума көтөрүп көзүмдүн карегиндей сактап алууга убада берем! - деп отургучта отурган кыздын тизесине келип тизелей калды, - Менин жүрөгүм мындан ары сен деп гана согот, жаны-ым!

- Ыраазымын сага Бекзат! - Акинай анын кучагында бактылуу көзүн жумуп алып тура берди. Ошол кезде ары жакта өтүп бараткан кыздарга Бекзат көзүн кысып койду эле алар каткырып калышты, Акинай көзүн ачып артына бурула калып тигилерди карай калып өздөрүн карап турган кыздарды көрүп уялып кетип Бекзатты кучактап алган колдорун тартып алды.

- Эмне болду, Бекзат?

- Эч нерсе... - Бекзат кыздарга колун ары карай булгады Акинайга байкатпай туруп, - Эч нерсе деле болгон жок, өтүп бараткан кыздар го?

- Жо-ок, алар эмнеге күлөт? - Акинай кайра кыздарды карай, - Эмне кино көрүп атасыңарбы, башыңардан эчтеке өтпөгөнсүп эмнеге карайсыңар? - деди.

- Караса болбойбу? - деди бири.

- Жигитиң красавчик экен, - дагы бири ага атайын кычаштана сүйлөдү, - Бирок мындай жигиттер сызга калтырат го?

- Эмитен эле көрүнгөнгө көз кыскан немеге сен ишенип турасыңбы? - деп бири бери басты, Бекзат эмне кылаарын билбей ордунан тура калды, - Курбум, жаңылып кала электе мунуңду ташта, бул ар кимдин этегине жыгыла берчү жигиттерден экен, сени алдап жүрсө ишенип атасыңбы? - деп ал Бекзатка тике келди, - Кыз жүрөгү назик, мээримдүү, океандай кең, жигиттер силер аны жеңил баа катары түшүнөсүңөр! - Анан Акинайга бурулду, - Сени кучактап туруп алыстан көрүнгөн кыздарга көзүн кысып жаткан неме кийин төшөгүңдөн суурулуп бөтөн аялга кетип калат, ишенбе?! - деди да басып кетти.

Акинай көздөрүнө жаш толо Бекзатты карап тура берди, азыр анын өзүнө карап актанып, жалдырап айткан сөздөрүн уккан жок, көз алдында экөөнүн бала кезден берки бири-бирине жасаган мамилеси, кол кармашып алып ойногон күндөрү, класста отуруп китеп, дептер талашып урушуп кетип Бекзаттын өзүнөн кечирим сурагандары тартылып, аны бир кезде түртүп ийди да бак аралай эчкире ыйлап жүгүрүп кетип атты. Бекзат анын артынан чуркап жетпей калды. Акинай ыйлаган бойдон жатаканасына кирип керебетке үстөмөнүнөн жыгылып өксүп ыйлай берди: "Бүттү" , баары бүттү, мен чын эле аны күч менен сүйдүрө албайм, эмнеге мен аны сүйүп калдым, неге???" - деп ыйлап атканда кирип келген кыздар аны сооротуп:

- Сага эмне болду Акинай, өзүңдү кармачы, ким капа кылды сени? Ыйлабачы эми, - деп тегеректеп сурап жатты.

Акинай бетин басып алып шолоктой берди. Эч кимисине жооп берген жок, дүйнөдө бакыт деген эмне экенин сезбей аалам кезип келаткан селсаяктай сезди өзүн, көзүнүн жашы көл дайра болуп агып өзү анын агындысындай ала салып кетип жатты. Бирок адам кайгырат, күйүт тартат, өкүнөт өмүр бою, ыйдын арты бар, жаш токтойт, томсорот, муңаят, акыры жүрөк таштай катып, муздай тоңот...

Бирок Акинай ыйлап жатып кайрадан Бекзатты көргүсү келди, жанында болгусу келди, ал эмес анын жүрөгүн өзү ооруткандай ага боору ооруй ордунан шашып туруп сыртка чуркап чыкканда анын маңдайында Бекзат турду. Анын көргөнүнө кубанган Акинай:

- Кечир мени Бекзат, мен сени капа кылып койдум, кечир мени? - деп аны көздөй боюн таштады.

Артынан чыга калган кыздар экөөнүн кучакташып турганын көрүп ийин куушура жылмайып коюп кирип кетти.

- Сен да мени кечирип койчу Акинай, жанагы кыздарга ойноп эле көз кысып койгом, алар туура түшүнбөй сени капа кылып алдым, - Бекзат андан кайра-кайра кечирим сурап атты.

- Мен сени сүйөм, - Акинай эмелеги таарынычы кумга сиңгендей уйпаланган чачтарын оңдой, көзүнүн жашын аарчып, тоодой шишиген көзүн андан албай карай берди, карап тура берди.

Бекзат: "Неге ушунчалык жакшы көрөт мени, а мен муну жакшы көрөмбү, ошону өзүм дагы билбейм. Сүйүү деген ушундай болсо кана мен муну сүйгөнүм, сүйүп кете аламбы же таптакыр көрүнбөй кетип калсамбы?" деп кучагында турган кызды аяп андан таптакыр кетмек болуп атты оюнда. Акинайды сооротуп, тынчтандырып коюп Бекзат кетти. Аны карап туруп: "Сен менин өмүрүмсүң, сен бар үчүн денемде кан жүгүрүп жүрөгүм согуп турат, Бекзат сен кайда кетип келсең да мен күтүп тосуп алам, мындан ары эч качан кызганбайм" деп өзүнө өзү ант берип атты. Ооба, сүйүү үчүн баарына чыдап, өлүмгө да барып дүнүйө мүлктү эмес сүйүүнү тандап алып өмүрүн селсаяктык менен өткөргөндөр канча, анын сыңары Акинай да өзүн баарына чыдоого мажбурлап турду.

Бекзат ошондон тартып Акинайга көпкө келбей койду. Аңгыча акыркы экзамен башталды, окуу менен алек болуп жүрүп аны эстөөгө чамасы жетпеди. Акинай дипломун алып айылына барып орус тилинен мугалим болуп иштеп, ошону менен катар айылдын көрүнүктүү адамдарын жазып чыкты. Иштегенине бир жыл болуп калган, жумуштан жаңы эле келип кийимин алмаштырып жаткан, иниси кирип:

- Эжеке, сизди Бекзат байке чакырып атат, - деп калды.

- Бекза-ат? - Акинай бир саамга делдейе карап туруп калды, - Бекзат дейсиңби?

- Болбойсузбу, ооба ошол! - Иниси ага бурк этип койду.

Акинай шашпай кийинди да сыртка чыкса Бекзат короонун четинде күтүп турган экен, аны көрөөрү менен ылдамдай басып келди.

- Кандай Акинай, денсоолук, иштер жакшыбы? - жетип келип бетинен өөп учурашкан Бекзатты Акинай мостойо карап:

- Жакшы, жаман деп уктуң беле? - деди.

- Жок-жок, ал абалыңды сурап койойун деп эле... -Бекзат ага ыңгайсыздана жооп берди.

- Көрүп турганыңдай.

- Көрүшпөй да кеттик, мен дагы ишке орношуп алып кол бошобой жүрдү.

- Келип койгонуңа шүгүр, балалык токтоло элек кезде баары болот экен Бекзат, эми эс акыл кирип токтолуп калдык окшойт, өткөндү кечир...

- Эмнеге Акинай, сенин күнөөң кайсы, эмне үчүн антип атасың?

- Мен жаштык кылып сенин артыңдан жүгүргөндү оюн көрүп жүргөн экем, көрсө ал менин эч нерсеге түшүнө элек байоолугум тура, - Акинай аны чынында сынамак болду, чын дили менен аны көргүсү келип, кыз намысы аны токтотуп жүргөнүн айта албай өзүн оолак кармады.

- Андай дебе Акинай, мен сени сагынып келдим, көрүшпөгөнүбүзгө канча болду, ишенсең бир көрүүгө зар болдум, - Бекзат ага жалдырай колдорунан кармамак болгондо Акинай аны өзүнөн алыс түрттү:

- Бекзат, бул шаар эмес, айыл экенин эсиңден чыгарба, эл ушак кылат.

- Койчу Акинай, сага жетсем деп жүрөгүм элеп-желеп болуп сагынычым толкуп ташкан дайрадай ээ-жаа бербей араң жеттим, сагындым сени! - Бекзат болбой эле аны колдон алды, - Көрсө көрө берсин, мен сага үйлөнөм, алардын кандай иши бар? Оозуна алы жетпегендер сүйлөй берет да.

- Ооздон чыккан сөз жаман Бекзат, жаманатты болгум келбейт! - Акинай андан боюн ала качып колун бошотту да артка кетенчиктей, - жакшы бар, биз классташпыз, теңтушпуз, ошол бойдон эле калалычы?! - деди эле Бекзат аны бура бастырбай кармап калды:

- Эмне, сенин мага деген сүйүүң аманат беле, күнүмдүккө ойноп сүйөм деп жүрдүңбү ошондо? - деп булкулдатканда Акинай аны карап туруп жылмайды:

- Балалык сүйүү бат кайтат, тоок сүйүү токтолгондо унутулат дегенди билесиңби?

- Жо-ок, мен мунуңа кошула албайм! Сен башканы сүйүп калгансың го, менден жакшы таап алгансың го? - Бекзат жиндене сурап жатты, - Мен сени гана сүйөм деген сөзүң кана, менсиз жашай албайм дебедиң беле?

- Мени сен да, башка да сүйбөйт, менин сүйүүм жоопсуз калган. Башканын, сенин сүйүүңдү эстегим да келбейт Бекзат. Арадан эки жыл өттү, мен үчүн эки кылым өткөнгө тете болду, сен сездиңби? Мени каратып туруп башкалар менен кетип калганың жалганбы? - Акинайдын көздөрүнө жаш каканактап чыкты, - анан жалынып сүйдүрө албасымды билдим, сүйүү буюм эмес сатып алгандай, өз жолум менен болгум келди.

Ылдый карай бергенде берметтей жылт эткен жаш тоголонуп жүзү ылдый кулады, эрксиз солкулдап ыйлап жатты, экөөнү үйдүн босогосунда турган иниси Тимур карап турду. Бекзат кызды бооруна кысып баягындай кучактамак болуп элдин сөзүнөн, обу жок түшүнүксүз көздөрдөн өзүн эмес кызды аяды, башын жерге сала андан кечирим сурап атты:

- Акинай, кечир мени, мага баягыдай аппак таза сүйүүң керек, мен сенден ошону күтүп келгем, мен дагы сенсиз жашай албасымды билип келгемин, билсең. Алгачкы бала кездегидей жоодурата караган көздөрүңдү көргүм келет, коңгуроодой тунук шаңкылдаган үнүңдү уккум келет!

- Билбейм, таза нерсе кирдейт, тунук суу да кези келсе булганат, бийик тоо урайт, асты адамдын сезими ураган жаман, Бекзат!

Ошол убакта туура жолдон апасы Шайымкүл келатып аларды көрүп ылдамдай басты, аны Акинай көрө калып:

- Апам келатат, мен кеттим, - деп колун тартып алып үйүн көздөй басканда:

- Эртең мектептен жолугам! - деп Бекзат аны узата карап кала берди.

Аңгыча Шайымкүл жетип келип аны тааный койду, озуна Бекзат салам айтып жиберди.

- Саламатсызбы?

- Аа-а сен белең, жакшы айланайын, - Шайым ага күлүмсүрөй карап баш ийкеп коюп өтүп кетти.

Ал Бекзатты таанычу, ошондуктан: "классташы эмеспи, учурашканы келгендир" деп ойлоп тим болду. Үйүнө кирсе Акинай өз бөлмөсүндө экен, апасынын киргенин байкабай китеп карамыш болуп отурган менен анын көкүрөгүндө ыза, муң толгон сагыныч кошул-ташыл болуп, көз жашын тыя албай атты.

- Акин, классташың шаардан качан келиптир? - деп Шайымкүл баш багып сураганда:

- Кечээ, - деп кыска гана жооп берди.

Кантсе да далайды башынан өткөргөн кексе аял кызынын үнүнөн бир башкача добушту сезе коюп жанына аяр басып келди.

- Сен ыйлап жатасыңбы? - Эңкейип кызынын көзүнө карады, - Эмне болду?

- Эчтеке деле болгон жок, - Акинай апасын карабай туруп жооп берди.

- Жөн эмнеге ыйламак элең, кызык, классташыңа жолукканга кубанганыңбы же... - Шайымкүл бир нерсени сезгендей кызынын жанында туруп өзүнчө ойго батып кетти: "Бул соо эмес, Турдугулдун баласын сүйүп калган го. Капырай, ага келин болуп кайсы жакшылыкты көрөм деп жүрөт? Ырас, баласы дурус неме, көргөндө жалпаңдап учурашып калат, бирок көздөрү туруксуз адамдай ала качып турат. Эмне кылсам, урушуп койсомбу, ошондо эле тилимди алаар бекен, өзүм сүйдүм, ишиңер болбосун деп койсо эмне болду? Жоок мен энемин, анын келечеги үчүн кам көрүп бактысын ойлошум керек" деген чечимге келип үндөбөй чыгып кетти. Ал оюнда кызын аяп, ал ыйлаганын токтотсо анан айтайын деп турду. Бир топтон кийин анын эшикке чыгып баратканын байкап кайра кирип келатканда:

- Кызым кел отур, чай ичели, - деди.

- Азыр, - деген Акинай өз бөлмөсүнө өтүп тез эле чыкты.

- Эртең жумушка барасыңбы?

- Ооба.

- Бекзат кайда иштеп жатыптыр? - эне кыйыта сурап койду.

- Шаарда.

- Кабагың суз да кызым, эне баладай сүйлөшөлүчү?

- Эмнени? - Акинай чочуй карады апасын.

- Жөн эле, өзүң жөнүндө, мына чоңойдуң, иштеген ишиң бар, жыйырма бешке чыгып калдың, жалгыз багып силердин сый урматыңарды көрөмбү деп жүрөм, күйөө балалуу болсом дейм да? - Шайымкүл кызын сынай карады.

- Койчу апа, күйөөгө тийгенде эмне...

- Эмне экен, тиги Кайыркүл сени менен эле тең, эки балалуу болуп калды, а сен эчтеке менен ишиң жок.

- Шашканда эмне апа, буйруган күнү болот да, - Акинай уялгандай жер караганынан жазбай жылмайып койду.

- Деги жигитиң барбы?

- Эмнеге бүгүн сурап калдыңыз, жигитти эмне кылам, алдыга койгон максатыма жетмейинче эч жакка, эч кимге чыкпайм! - Кабагын бүркөй апасына тигилди, - мага экинчи мындай суроо бербеңизчи!

- Берем кызым, анткени мен сенин энеңмин, билишим керек, болбосо мага кыйытып айткандарга берем!

- Эмне дейсиз? - Акинай апасынын сөзүнө түшүнбөй калгандай сурады.

- Ошол, кыз бала энесине сырдашат, сырын бөлүшөт.

- Кызыксыз апа, эмне деп сыр айтмак элем?

- Ушинтип эле... - Шайым: "дагы жинине тийип албасам экен" дегендей ойдо болуп, кызына оюндагысын айтып алгысы келди, - Бекзат экөөңөрдүн мамилеңер кандай?

- Ий-ий апа-а, кызыксыз ушу, ал менин классташым экенин билесиз да?

- Билем, классташтык мамиле башка, экөөңөрдүн көз карашыңар башка го?

- Кереги жок, - Акинай тултуңдай ордунан туруп кеткени калганда Шайымкүл аны буйрук бере токтотту:

- Токто!

- Айта бериңиз.

- Айтсам сен ага таарынгандайсың, эгер Бекзат сага сөз айтып жүргөн болсо ушундайда токтот!

- Дагы? - Акинай өчөшкөндөй карай берди, - эмнеге токтотом? Мен аны сүйөм апа, түшүнчү мени!

- Мына, эми өзүңө келдиң, чындыкты айттың, - Эне ойлуу аны карады да, - Отур, - деди. Акинай отурганда жай гана сүйлөй баштады, - Сүйүү кабылганды отсуз куйкалап, делөөрүтүп жеңил адамды камгактай учуруп ээн талаа эрме чөлгө таштайт, сабырдууну жалынына кактап, бороонсуз кайыктырып, калаксыз кайыкка калкытып салмак менен жеңдирет. Сүйөм деген оңой, сүйүп өтүш кыйын. Ал сени сендей сүйсө жакшы кызым, сүйүүнүн кадырына жетпеген адам сени күйгүзбөй күл кылып ушалап күлүңдү сапырат. Сүйүү улуу нерсе, андай улуу сезимге кабылуунун өзү бакыт...

- Апа!

- Болду, тынч отуруп ук. Бекзаттын атасы менен бир тууган Бердигул деген бар эле, ал азыр өлүп калды, анын аялы Гүлпаары деген бар эле... - Ушуну айтып келатып Шайымкүл бир топко үнсүз отуруп калды.

- Алар эмне болду эле?

- Эмне болсун, мындан бир он беш, жыйырма жыл мурун сенин тиги Төрөбек байкең ошо Гүлпаары экөө ар кимиси өз алдынча очор-бачар үйбүлө күтүп калганда бири-бирин сүйүшүп калып, эр ортону элүүдөн ашканда кыйла элдин кырына, узун элдин учуна жеткидей кеп-сөз болушкан,

- Анан? - Акинай кызыга кулак түрүп калды.

- Анан... - деп сөзүн башынан баштады Шайымкүл. - Анда союздун кулай элек маалы, колхоз-совхоздор өз өкүмүн жүргүзүп, элдин карды ток, санаасы жок кези. Гүлпаары китепканада иштеп турган кези, Бердигул актив болчу. Төрөбек байкең бугалтыр болуп иштеп турган кез. Гүлпаары өзүн сулуумун деген аял эле, качан болсо бойонуп, каштарын керип, сүйлөгөндө өзгөлөргө сынтагып сүйлөчү. Бир күнү китепканага баш бага калсам отурган ордунда жок, китеп текченин ары жагында шыбырашкан үндөр чыгып калды, кызыга туруп калдым:

- Кечинде жолугат элек го, келгениңди көргөндөр эмне дейт? - деди Гүлпаарынын үнү.

- Эмне экен, сүйгөнүмө келдим, - өпкөндөй үн угулду.

- Ансыз да Бердигул экөөбүздү эмне болоор экен деп кулагын төшөгөндөр көбөйдү.

- Коркпочу жаным, андан көрө ошондон ажырашчы, ээн-эркин жолугуп турганыбызга жакшы.

- Эми беш балам менен ажырашканча тынч эле жүрөйүн. Алды бойго жетти, бүгүн, эртең үйлөнгөнү турат.

- Аның деги дөбөттөй болуп сени жыргатабы? Балдарың эми өзүн өзү бакканга жарап калды, өзүбүзчө жашай берет элек, жолугушпасак сагынып кетем, - Эркек жанталаша өпкүлөп жатты.

- Ошо дөбөттүн бары да жакшы Төкө, үй кайтарганга дөбөт керек, - Гүлпаары шыңк этип кылыктана күлүп калды, - Ажырашканда сен мени арачалап кала албайсың да, аялың экөөбүздү тең өлтүрүп тынаар...

- Ой ошондон коркпой эле койчу, ал бир бышылдаган уй да, бир кылыгы жок, энеңди!.. Сендей аялды жанагы кемпай кантип жалгыз койо берет, билбейм.

- Ой жөнчү, байкуш күйөөмдү кордобой, ошондон жанагы балдарымды төрөгөмүн да? - Гүлпаары кыткылыктап күлүп, экөөнүн үндөрү башкача угула баштаганда кыңкая ачылып турган каалгадан шырп алдырбай чыга берейин дегенде бутум чалынып тийип кетип тарс этип жабылып кеткен эшиктин үнүнөн улам Гүлпаары чыга калды, жоолугун колуна алып алган.

Мен уялып кетип:

- Азыр эле кире калдым эле жумуштап, - деп ийсем ал мени сүйүңкүрөбөй карап туруп:

- Жумушуң болсо анан келчи, азыр мен жүдөп-какап китептердин чаңын сүртүп аттым эле, - деди тайсалдай.

- Макул, - дедим да чыгып кеттим.

Жүрөгүм ооруду: "Эненин жүрөгү кандай мээримдүү, пейли кенен, дили таза, дешет, бул аял ушул дөөлөтүнүн үстүндө ушинтип жүрсө аялдын тазалыгы кайсы?" деп ойлоп бараттым.

Гүлпаарынын күйөөсү аны эчен жолу сабап, бутун да сындырып, бирок эч майнап чыккан жок. Гүлпаары жалгыз эле Төрөбек байкең менен жүрбөй, көзү түшүп сөз салгандардан да куру калчу эмес. Элдин сөзү, ушак-айыңы ал үчүн түккө да турчу эмес окшойт. Кабагым-кашым дебей кашкая басып жүрө берчү. Төрөбектин аялы кенебеген, карапайым балпайган аял эле, бир жолу Гүлпаарыга жолдон жолугуп калып:

- Гүлпаары, мен убагында жаштыгын алып, гүлүн соргон, сен эми шалтаакы болгондо жолугуп чалымды жыргатып жатыпсың, тегеле ыраазымын. Анын күчү экөөбүзгө тең жетет! Сени күйөөң ыраазы кылалбаганынан менин чалыма күнүң калыптыр, мейли! - деп басып кеткен экен.

Ошондон кийин китепканага иштегенин да койду, сөзгө сынып, байкеңи да жолотпой койгон имиш...

- Кызым, буларды мен сага, эмнеге айтып жатканымды түшүнөөрсүң? - Шайымкүл Акинайды жылмая карады.

- Эмнеге...

- Ошол Бердигулдун бир тууганы Турдугул, сенин атаңдын иниси Төрөбек - сен эми Бекзатка турмушка чыксаң эл эмне дейт?

- Андан эмне болмок эле? - Акинай апасына кабак чытый карады.

- Чо-оң уят болот, уруубузга сөз тийет! Кыз илгертен төркүндүн намысын ойлоп, колунан келсе төркүнгө туу болушу керек!

- Баары бир мен өз каалаган адамыма чыгышым керек го, неге бактымды тобокелге салышым керек апа, сиз мени түшүнсөңүз деги?

- Атаң жаштайыңарда кетип калып, силерди жалгыз багып чоңойттум, "атасы жок кыз ээнбаш, өзүн өзү билип акылсыз болуптур" деген сөздү, наалатыны мага угузуп бактылуу болом дейсиңби кызым? Терең ойлонуп бир кес, жашсың али, келечегиң алдыда, - Шайымкүл ыйлап ийди.

- Апа, кечир мени, бирок эч качан Бекзатсыз жашай албайм! - Эне бала кучакташып ыйлап көпкө турушту.

Баланы табасың, багасың кандай кыял жорук күтөөрүн эч ким билбейт эмеспи. Энесинин канчалык какшаганына кыз болбоду, сүйөм-күйөм деп туруп алды, аргасыз Шайымкүл аны өз оюна койду: "ойлоноор, эсине келээр, Бекзаттын сөзүнө ишенип атат, экөөнү кантип жолуктурбай койсом экен" деп Шайымкүл кирсе чыкса ойлонуп жүрдү. Бирок алар жолугушууну токтоткон жок, ал тургай үйлөнөөрүнө аз калганын билип кайыл болгондон башка аргасы жок экенин сезди. Ошондон көп өтпөй эле алар үйлөнүштү. Шайымкүл кыз-күйөөсүнө ак батасын бергенден башка эчтеке дей албады. Бир айдан кийин көшөгөлөрүн алып келген Шайымкүл:

- Бактылуу болгула балдарым, кудай кошсо кубарыңдын акысы барбы дегендей, менде кайсы арга, кудай бак берсин, ырыс-кешиктүү болгула! - деди.

Анан кудагыйына карап сүйлөп отурду:

- Ээ кудагый, бу-у насип деген ушу тура, туз насип буйруса тээ тиги алыс деңиз жээгинен, Америка менен Германиядан келип келин болуп жерге-жээк күтүп калат тура кыз бала деген.

- Ошону айтсаң, пешенеге жазса-а душманың менен бет карашат турбайсыңбы. Кел, кудагый, эми өткөн-кеткенди козгоп отурбай сыйлашалык, сырдашалык дегендей, дасторконго караңыз, - деди Акинайдын кайненеси Зыйнат, - Күйөө балаңыз да жаман эмес, кудайга шүгүр окуп бүтүп, адвокат болуп иштеп жатат, экөө ынтымактуу болсо биздин колубуздан эмне келмек, кудай экөөнө ынтымак берсин, - Зыйнат кериле сүйлөп эшикти көздөй карады, - Келиндер, күйөө баланы алып кирип кайнене, жеңелеринен көрүндүк алгыла ботом, салтты унутпайлы! - деди.

Ошентип ырым-жырымы бүтүп конок болуп, жаштарга бакыт, байлык баарын ыроолоп, анан кудагыйларын узатышты.

Турдугул анчалык эле бардар эмес эле, Бекзаттан кийин да төрт уул, бир кызы бар. Колунда жок болгон менен дымагы күч, мактанып сүйлөгөн немелер, аялы Зыйнат өзүнө адам теңебей көтөрүлгөн аял эле. Акинайга келген күндөн эле жакшы мамиле кылбады:

- Ээ кокуй, азыр өзүм да келин бойдонмун, буга окшогон жумушту көз ачып жумганча жасап койом, - деди бир күнү.

- Апа, тим эле коюңуз, мен кылам, - деп Акинай болбой колунан алмак болгондо анын колун кагып койду:

- Жөн эле кой, мектебиңе камына бер, кызматчы келин өз жолу менен болгону жакшы-ы.

- Апа!

- Апа дебей кал! - Зыйнат аны акырая караганда Акинай көзүнөн жаш кылгыра өз бөлмөсүн көздөй басты.

Бекзат үйлөнгөндөн бери үйгө турбайт, кеч келип достору менен жүргөнүн айтып актанып, Акинайдын жандүйнөсүндө эмне болуп жатканы менен иши да жок. Арадан бир ай өткөндө ал шаарга кетмек болду.

- А сен качан келесиң? - Акинай аны жалооруй карады.

- Кудай буйруган күнү, - деп галстугун тагынып атып кенебей айтты ал.

- Сен келгиче мен кантем, Бекзат?

- Эмне болмок элең, жүрө бересиң, кийин жумушуңду которуп, жашаганга үй болгондо чогуу кетебиз.

- Мейли, сен үчүн баарына чыдайм, тезирээк келип тур ээ? - Эмеле жүрөгү кысылып кабагы бүркөлүп турган Акинай жайдары унчукту, - Сагынам, тез-тез келип тур!

- Кызыксың Акинай, Таласка шаарга чейин канча жол, тез-тез келгенде жумуштан калам, өзүң ойлосоң! - Бекзат келинчегин ачуулана карады, - андан көрө иштебей эле коюш керек.

- Койчу эми, сен мени сагынасыңбы деги?

- Сагынам дечи, бирок айла канча, жумушка барышым керек. Эмгиче ордума бирөөнү алып койдубу?

- Бул жерде иштесең болбойбу?

- Эмне, окуп алып өз кесибим боюнча иштебей башка ишке иште дегени турасыңбы? Жо-ок, - Бекзат келинчегин ээгинен көтөрдү, - Аял алсаң башыңа жүк деген чын окшойт, андан көрө бойдок жүргөн жакшы экен.

- Эмитен эле менден тажай баштадыңбы? - Акинай күйөөсүнө таарынгандай карады, - Каалабасаң азыр дагы кеч эмес, кете берем!

- Койчу эми, таарына бербей, баягы эле кыялың калбайт да? - Бекзат аны коомай кучактап койду, - мен кечигип жатам, такси кетип калбасын, - Бекзат Акинайды өөп коюп шаша чыгып кетти.

Ойлуу анын артынан ээрчий чыккан Акинай карап турду: "Өзүмө өзүм кылдым, акырына чейин чыдашым керек, өз сүйүүмдүн кадырына өзүм жетишим керек. Бекзат мени эмес, мен Бекзатты сүйгөм, демек аны кармап калууга аракеттенишим керек" деп өз жандүйнөсүндө бороондуу бурганак улуп жатканын жан адамга билгизбей үйгө кирип кетти. Акинай күйөөсү менен эркелешип, жаштыктын жакшынакай жаркын үмүттөрүн бирге кеңешип, бирге чечишем деген тилеги таш капты. Шайымкүл анда-мында келип кетип турса да кайненесинин кылыктарын оозунан чыгарбады. Анан калса Зыйнат Шайымкүл келгенде жаркылдап астына барын жайып, ысык оокат жасап бермейинче кетирбейт. Өтө куулугун байкаган ал бир жолу кызынын жүдөп баратканын сезип, мектепке барып жолукту.

- Акинай, эмне мынча арыктап кеткенсиң, эмне, үйүңдө жумуш өтө эле оорбу?

- Жок апа, жумуш деле жок, - Акинай эчтеме айтпай апасын жайкады, - Мени ойлобой эле коюңузчу эми, мен чоңойбодумбу?

- Аа-а балам, "эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада" дегенди билесиңби, көөнүм тынчыбайт, күйөөң качан келет?

- Келет да, жумуштан бошобой жатса керек.

- Андай иштейт экен, чогуу кетпейт белең ботом, ушу кантип болсун? Сен биякта ал аякта, үйлөнгөнүңөргө бир ай эле болсо...

- Анан экөөбүз тең кетип калмак белек? - Акинай жер карап күңкүлдөдү. Ошол убакта кенже класста окуган кайниси жүгүрүп келип жанынан өтүп кетти, - Бул кайненеме айтып барат.

- Айтса айтаар, корко турган жөнүң барбы, жумуштап жүрүптүр деп кой, - Шайымкүл кызынын жүзүнөн бир нерсени окуй калгандай: - Эмне, апаңа жолуктуң деп бирдеме дейби? - деп сурады.

- Жоок, антпейт деле...

- Анда эмне минтип атасың, андан көрө Бекзат эми келсе кошо кетем дегин!

- Эмнеге? - Акинай апасын карады.

- Жаңы үйлөнгөндө чогуу болуш керек, алып коюп эле кетип калганы эмнеси, ботом.

- Койчу апа, мен кеттим, - Акинай жөнөмөк болгондо:

- Ай балам ай, өзүңө өзүң шор үйүп алдың окшойт, кантейин, - кейип калды Шайымкүл.

Акинай ыйлап алды, апасына боору ооруду: "менин азабымды кошо тарта турган болду, эми үйгө барганда кайненем эмне дээр экен?" деп ылдамдай басып үйүнө жетип кирип кетээрде Зыйнат аны атайы тосуп тургандай алдынан чыкты:

- Апаң андай эле сени менен сүйлөшкүсү келсе биякка келип сүйлөшпөйт беле, эмне талаадан жолугуп жүрөсүң? Кудайга шүгүр үй бар, эшик-төрүбүз бар, тоодой таштай болгон кайнатаң турат, бизди теңиңерге албай калдыңарбы?

- Апам жумуш менен жүрүптүр, көрүп калып эле...

- Ыкы-ы, жөн элеби? Биздин да дос-душманыбыз көп, "кудагыйың жолдон белден жолугуп кызы менен сүйлөшүп турат" десе өлбөгөн төрт шыйрагым калды!

- Апа, ал өзүнүн жумушу менен жүрүптүр.

- Кой ээ, калп айтып көнгөн экенсиң, ата-энең эки жакта өз арабасын сүйрөй албай жүрүп сени тарбиядан алыс кылып койгон тура!

- Эмне деп атасыз, эне-атамдын тиешеси кайсы?! - Акинайдын жини келип кетти, - Тарбияны жакшы эле алганбыз.

- Жаакташып тилиң чыгып калган экен, көчүгүм батып калды деп атасыңбы, ыя? - Зыйнат келинине зиркилдей карады, - Өзүбүз каалаганды албай кайдагы тарбия-таалим көрбөгөн немени алып келип, үйүбүздүн кутун учурмай болдуң!

- Азыр дагы кеч эмес, каалаганын алып алсын! - Акинай да тилин тартпай кирип кетип кийим-кечесин жыйнаштыра баштады.

Кичүү кайынсиңдиси карап турган, чыгып барып апасына айткан көрүнөт, ал Турдугулду киргизди. Кайнатасы келинине:

- Балам, Бекзат келгиче туруп тур, анан өзүңөр чечесиңер. Сага да кыйын, төркүлөбөй туруп апаңа кетип калсаң, эл эмне дейт? Ачууңду токтот, айланайын, - деди.

Акинай улуу кишиге тил кайтаралбай отуруп калды ыйлаган бойдон.

Сыртка чыккан Турдугул аялын урушуп жатты:

- Сенин тилиң жаман, эмне кыласың, жолукса жолугуптур, бирөөнүн баласы ал деле, жалгыз кызыңды ойлосоң да келинге сүйлөбөй эле койо тургансың, азыркы балдар өзү билип, өзү чечет.

- Ошол "өзү чечет" деп жүрүп сенин кылганың, Бекзатың айткан тилди албайт.

- Албаса апасы сенсиң, бир эле кыялыңды тартса оңой болбойт!

- Кыялым сага эмне кылды, ушунча жылдан бери жашап жүрүп эми билдиңби? - Зыйнат күйөөсүнө атырыла кетти, - Ушу келин келгени үйүбүздөн тынчтык кетти!

- Келинге асылбай өз ишиңди кыл, келин жаш, билимдүү, өз оокатын өзү кылат, - Турдугул аялына жиндене караганда ал мурдун чүйрүй, оозун кыбырата ары басып кетти.

Акинай ыйлап көпкө отурду да, жумуш кылмак болуп чыкса кайненеси менен кайнатасы экөө отуруптур. Ал акырын басып ашканага кирди. Кээде Зыйнат анын жасаган тамагын ичпей өзүнчө башка жасап иччү болду, ар кайсыны айтып күбүрөп шыбырай берет, аргасыз баарын көтөрүүгө туура келди. Арадан үч ай өткөндө Бекзат келди, Акинай өз бөлмөсүндө эртеңки өтө турган сабакка даярданып отурган.

- Апа, кандай турасыңар? Келиниң кандай?

- Кандай турмак эле, жүрөт. Үрдүн кызындай үлпүлдөгөн немени алып келип койдуң, келин алып колум узарат экен десе узарбай эле күң болдум, - Зыйнат ага дароо эле наалып кирди, - өзүм билем деп жүрүп кылганың ушу болду...

- Апа, "кандай келдиң, кандай жүрдүң" деп койбой дароо эле арызданып киресиң да, ал кайда? - Бекзат апасына нааразы боло сүйлөдү.

- Отурат, чилистен боло тургансып!

- Ой - ушу! - Бекзат колун силке кирип барса Акинай чын эле жазып отуруптур.

- Кандай сулуу? - деп артынан келип кучактап калганда Акинай шарт артын карап асылып калды.

- Келдиңби? - экөө бир топко сагынышканын жазып аймалашып турду да:

- Акинай, колуң бошой калганда апама жардам берип койбойсуңбу? - деди Бекзат.

- Эмне дейсиң? - Акинай аны таңгала карады, ал анткени баарын эле өзү жасачу.

- Апам келээрим менен арызданып атат.

- Эмне кылышымды билбей калдым, кылсам да кылбасам да баары бир апаңа жакпай койдум...

- "Апаңа" дебей, "апама" десең!

- Апама! Болдубу эми?

- Сен ушу ага тил кайрып урушат окшойсуң, ыя? - Бекзат келинчегине ачуусу келгендей тиртеңдей кетти, - Эй, ал деген менин апам, анын алдында бөжүрөп гана кызмат кылып турушуң керек, билдиңби?

- Билем, кылганымды жактырбай кагып атпайбы?

- Көтөр баарын, канткен күнү да мен анын алдында милдеттүүмүн!

- Мага асылмактан өлтүрүп койсун, ата-энеме асылбасын, баарына мен сен үчүн чыдап жүрөм! - Акинай соолуктап ыйлап жатканда Зыйнат баш бакты:

- Олда-а балам ай, беймаза немеге жолуктуң го-о, кантейин.

- Апа дейм, деги эс алдырасыңарбы?! - Бекзат жини келе апасын бир карады да чыгып кетти.

Аңгыча Турдугул келип калды, ал кампада кароол болуп иштеп аткан.

- Кел уулум, иш кандай? - деп уулу менен учурашып төргө өттү, - ырас келбедиңби, келинди төркүлөтүп койолу.

- Эмне-е? - Зыйнат күйөөсүн таңгала карап калды, - Ой кайдагыны ойлоп таба калдың?

- Ал дагы бирөөнүн баласы, капаска түшкөн куштай болуп үйүңдө иш кылып жүрсө, ал сага эмне күң болуп келди беле? Болду, эртең союш алып келем, кийитиңди даярда, келинди төркүлөтөбүз!

- Бекзат, атаң эмне деп атат ыя, кийим-кече табыш керек да, оңой бекен төркүлөтүш?

- Болду, оозуңду бас да камын, дагы, - Турдугул Бекзатты карады, - Төркүлөткөндөн кийин экөөң чогуу кеткиле!

- Ата!

- Токтот! Сен аял алдың беле же аны бизге күңгө алып келдиң беле? - Уулун тике карап калганда Бекзат тайсалдап калды.

- Ата, барганда үйүбүз болбосо...

- Элдин балдарынын баары эле батирде жашап-иштеп үйлүү болуп атат, жаша сен дагы, экөөлөп иштесеңер баарына жетишесиңер! - дегенде Зыйнат да, Бекзат да үндөбөй отуруп калышты,

Акинай ичинен кубанып атты. Турдугул аялынан өтүп бийлик кылайын деген эркек эмес, бирок бир айтканынан кайтчу да эмес. Анын сырын билген эне-бала үндөбөй макул болууга аргасыз эле.

Айткандай эле эртеси Турдугул килейген куйруктуу кой алып келди. Боорсогун жасап даярданып жатканда Зыйнат:

- Капырай кудагыйга айтып койсок болбойт беле, - дегенде Турдугул ага акырая карады:

- Өзүңдөн башканын баары сага келесоо көрүнөбү? Мен аларга эки күн мурун айтып койгом!

- Ий да... - Зыйнат унчукпай кам-кашегин бүтүп, жөнөп калышты.

Шайымкүл күтүп аткан экен, тосуп алышты. Кыз-күйөөсүн, кудаларын сыйлап жөнөттү. Акинай менен Бекзат калып калды. Колунан келгенин алдына коюп кыздын көөнү болбосо таздын көөнү дегендей кызы үчүн күйөө баласын аябай сыйлайт Шайымкүл, бирок дегеле көңүлү тойбойт, же жүрөгү сезеби, ичи чыкпайт. Алар кетээринде кешигин салып, кийит-кечесин жакшы кийгизип узатты. Арадан он күндөй өткөндө алар шаарга кетмек болгонун угуп, барып калды. Зыйнат Акинайды кетиргиси жок, өзү жактырбаган менен анын кызматы ага жакшы эле да, анысын сыртына чыгара албай:

- Бир жыл, бир жыл келин деген кайната, кайнененин колунда эле болгону жакшы эмеспи. Бекзат го иши бар, Акинай жумуш тапкыча кыйналышат, - деди кейий.

- Балаң иштеп атпайбы, келин иштегиче жетет, алып калып эмне кыласың? Экөө бирге болгону жакшы, - Турдугул ороңдоп койду эле унчукпай бир сыйра төшөнчүсүн берип таксиге салып жөнөтүштү.

Акинайдын кубанычында чек жок, күйөөсү менен ээн эркин жашаганга не жетсин. Шаарга келгенден кийин бир жумадай гана жанында болду Бекзат, андан кийин ар кайсыны шылтоо кылып түн ортосунда, таңга маал келет, кээде кызуу келсе да Акинай унчукпайт, эмнеси болсо да сүйгөнү жанында отурганы ал үчүн чоң бакыт болчу.

Убакыт бат эле жылып өтүп уулду болушту. Ошондо да Бекзат кубанган жок. Бир күнү жаш баласы менен отурса келип алып:

- Балаң кимге окшошуп калган, ыя? - дебеспи.

- Кимге окшошмок эле, атасына эле окшош, - Акинай анын арам оюн билбей эле кудуңдап наристесин кучагына алып өөп алды.

- Койсоңчу, мага каери окшош, же сага окшобойт, - деп чындап эле баланы колуна алып тигилип калганда Акинай жини келип кетти:

- Наристенин окшоштугу азыр билинбейт, болгону түспөлү гана бар, кичине чоңойо түшсө анан окшошуп чыга келет, эмне эле аңдып атасың?

- Эмнеге ачууланып кеттиң, же билип койот деп коркуп атасыңбы?

- Ооба, сенин ушул сөзүң жүрөгүмдүн канча жеринен тилгендей канап атканын билесиңби?

- Сенде жүрөк барбы, болсо да жинди жүрөк да, жүрөгү бар аял башка! - деп Бекзат чалкалай жатып алды.

- Кандай болот?

- Башкача!

- Айтпайсыңбы? - Акинай көгөрө сурап туруп алды.

- Койчу! - Бекзат ары бурулуп жатып алганда Акинай:

- Менин жүрөгүм алп экен, сүйбөсөң да сени зордоп сүйдүрдүм, канчалаган азабыңа чыдап отурам, - дегенде Бекзат:

- Жинди жүрөк ошондой болот, сүйбөгөнгө жармашат, сүйөм деп ыйлап кыз башың менен уялбай койдуң. Билесиңби, мен сени сүйгөн жокмун, аядым, - деп шакабалай күлүп койгондо Акинайдын күйбөгөн жери күл болуп кетти.

- Мен сенин жашооңдон атайын кетип калганда эмнеге кайра келдиң, атайын сени көрбөйүн деп качпадым беле?

- Ох-хоо, качкан имиш, мейли эми, максатыңа жеттиң дейли, эмне таптың?

- Мына муну таптым, эми кете берсең да болот!

- Кызык, ал менин атыма жазылган бала, эгер атасы башка болсо айт, мен кете берем.

Экөө күндө ушинтип урушуп талашып жашап жатышты. Ошол кезде Акинайдын атасы башка аял менен жашап жатып, бирок балдарынан кабар алып турчу. Кызына деп үй алып берип киргизип койду. Бир жолу Бекзат Акинайды аябай сабап койгон экен, Шайымкүл келип кызын Таласка алып кетип калды. Бирок ага болбой Акинай көгаласы кеткенде эле баласын алып шаарга кайра кетип калды. Кечке маал болчу, үйгө кире берээрде шыңкылдаган аялдын үнү, эркектин коңур үнү угулганынан Акинай токтой калып тыңшаса Бекзат менен чоочун аялдын үнү даана угулганынан кирип барды, кудай бетин салбасын, экөө тең энеден туума болуп алып төшөк үстүндө аймалашып жаткан экен.

- Бекза-ат! - Акинайдын ачуу үнүнөн экөө тең тура калышты. Акинай баласын жаздыкка жаткыра коюп тигил келинди колунан сүйрөп жөнөдү; - Бетпак десе, менин төшөгүмдү булгаган акмак, чык эшикке!

Тигил жылаңач денесин калкалай шейшепти сүйрөп алып:

- Кийинип алайын, кетем, - деди эле ачуусуна чыдай албай Акинай ыйлап да сүйлөп да жатты:

- Ушул бойдон кет! Сени элге шерменде кылбасам элеби, акмак шуркуя, жала-ап! - деп койо бербей сүйрөп баратканда баятан бери эмне кылаарын билбей туруп калган Бекзат аны кармай калды:

- Эмне кыласың, кийинип алып кетсин, жөн кой!

- Жөн койойунбу?! Ушундай шуркуялар үчүн мен токмок жеп отурайын, бул жыргап эркелеп күлүп атсын! - Акинай ага ээ бербей тигини дегдеңдете түртүп чыгармак болгондо Бекзат күч менен колунан тартып төргө түртүп жиберди.

Тиги келин шашып-бушуп кийинип, колуна туфлисин алды да чыгып кетти. Акинай төшөктөрүн кагып ысырык күйгүзүп өзүнчө дулдуңдап сүйлөбөй убараланып жатты, Бекзат унчукпай чукуранып аткан уулун ала коюп эркелетип атты. Ошол бойдон эч кимиси үндөгөн жок. Акинай аны урушуп же ажылдап кетпеди, эч нерсе болбогондой өз тиричилигин жасап жүргөн менен жүрөгү жүз жеринен тилинип атты: "Аттиң, неге ушуну сүйүп калдым экен? Канча жолу кетким келип, көрбөйүн деп ойлогон менен кайра эле эстеп туруп алам, эгер мен муну сүйгөндөй бу мени сүйсө мындай кылбайт эле" деп ичинен эзилип жүргөндө Бекзат жасакерлене:

- Акинай тоого барып келели, атамдар чакырып атыптыр, - деп калды.

- Эмнеге чакырыптыр? - Ары карап турган бойдон сурады.

- Айылга келип бышыкчылыкка жардам беришсин деген го?

- Сен бар, менин баладан колум бошобой, жардамым деле тийбейт.

- Жумушчу?

- Эмне, мен эле барып жардам беришим керекпи?

- Тамак-аш жасагандан кыйналып жатыптыр апам, - Бекзат негедир күнөөлүүдөй сүйлөп жатты.

- Баралбайм, мен баары бир баладан бошой деле албайм да, - Акинай көңүлсүз айтты муну, - Баланы караганга бирөө керек болот, андан көрө өздөрү эптеп кыла берсин.

- Эмнеге, баланы деле көрүшө элек...

- Баланы сенин ата-энең келип көрсө эмне болот? Неберелүү болгондор жетине албай жүгүрүп келишет экен, же алар аман төрөп алганыма жини келип аткан го?

- Акинай, ал эмне дегениң, кантип эле ошентсин?

- Каалап алган келини болсо келмек, мени желкемин чуңкуру көрсүн деп отургандыр.

- Антпейт, сен аларга тил тийгизе баштадыңбы, андай болсо каалаганыңды кыл!

- Жаныма батып бүттү силердин кылганыңар, мен эмес сен каалаганыңды кыл да, өзүң каалаганды алпарып бер!

- Сен ушунчалыкка жеттиңби?

- Алда качан жеткем, сен деп апаңдын уу тилин угуп чыдагам, эми чыдай албайм!

- Эне-еңди, атаңдын үйүнө кыйынсып атасыңбы?! Андай болсо кеттим, - Бекзат кийинип алып чыгып кетти.

Акинай көгөргөн бойдон кала берди, ал оюнда: "Акинай, мен сени сүйгөнүмдөн алардын жактырганын албай сага үйлөнгөмүн, кечирип кой эми, сен барып карыларга жардам бербесең болбойт, мен иштеп турайын" дейт чыгаар деп турган, бирок андай болбоду. Акинай ичи түтөп буулугуп уулун кучактап алып ыйлап жатты. Бирок дале аны кайра кирип келеби деген ойдо күтүп жатып уктап калды. Бекзат үч-төрт күн жоголуп кетти. Акинай жалгыз уулу менен алек болуп ишин кылып жүрө берди. Бекзат анан бир күнү келип алып:

- Мен бир туугандарыбыздын үйүнө сүйлөштүм, карап бергиле дейт. Акинай, өзүбүз үйлүү болгуча ошол жакта жашап туралычы, - деди момун болуп шүмтүрөй.

- Эмне үчүн өз үйүм турса бирөөнүн үйүнө жашашым керек? Биерде бизге ким жолтоо болуп атат? Өзүбүз жашай албай атабыз.

- Сенин эмес, менин атам алып берсе анда башкача болмок, күч күйөөдөй болуп жүргүм келбейт! Жүрү Акинай, кетеличи, өзүбүз үйлүү болгончо ошол үйдө эле туралы.

- Кой Бекзат, сен баары бир мени сүйбөйсүң, андан көрө ушундайда өзүң билип жаша, мен сени жалынып-жалбарып эр кыла албайт экемин, - Акинай ордунан козголуп койбой же өйдө карабай отурган жеринде ары карап алып сүйлөп жатты, - Көрүнгөн менен жүргөнүңдү көрүп, үйгө келбей сарсанаа кылып кыйнаганыңа чыдап түттүм, эми мени кыйнаба, өз үйүмдөн кетпейм.

- Сен үйлүү болуп калдыңбы, атаң алперген үйгө мактанып атасыңбы, мени ошентип басынткың келип атабы, ыя? Баары бир менин аялымсың, сүйөмбү же сүйбөймбү, алдымбы алдым, демек сен менин айтканым менен болушуң керек, эгер мени сүйгөнүң чын болсо кетебиз биерден, - Бекзат кызуулана сүйлөп анын теке маңдайына отуруп алды, - Акинай, сен мени укчу, тилимди алчы! Мени сүйбөйт деп таарынба, мен сени абдан сүйөм, бирок ошол сүйүүмдү далилдей албайм, түшүнчү мени.

Кучактап өпкүлөп кирди. Аял эмеспи, эркектин жылуу сөзү, ысык кучагы заматта эритип, алданганын билбей калат бечара аял заты. Акинай үнсүз көпкө отурду. Бекзат бул жолу ага дүйнөдө кандай таттуу сөздөр болсо ошонун баарын айтты, кетирген кемчилиги, күнөөсү үчүн кечирим сурады. Акыры Акинай аргасыз көндү, өз үйү туруп өзгө үйгө барууга макул болду.

- Эгерде сен мени алдабай турган болсоң барам, жумуштан өз убагында келесиң, башка аял менен жүргөнүңдү токтотосуң. Мындайга алың жетпей турган болсо мага сүйлөп убара болбо, - Акинай ага шарт коюп убадасын алмак болду.

- Аткарам, эмне десең баарына макулмун, менин тилимди алсаң эле болду жаным, сенсиз мен деле жашай албайт экемин!

Асты-үстүнө түшүп атып Акинайды жибитип алып, Бекзат такси алып келди да биртике жүгүн алып чыгып кетишти, үйдү кулпу салып бекитип койушту. Алар кеткендин эртеси Шайымкүл келип аларды таппай калды. Кайда кеткенин билбей күйөөсүнө чалды, ал алаары менен:

- Акинайлар кайда кеткенин билбейсиңби? - деп сурады.

- Жок, кайда кетмек эле?

- Үйдө эч ким жок, көчүп кетиптир!

- Койчу, эки күн мурун эле барып келбедим беле?

- Кайдан билем?

- Ошол жерде туруп тур! - деп Орозбай трубканы коюп койду.

Жарым сааттан өтүп ал келип калды.

- Сен алардын айылга барганын да билбейсиңби? - Орозбай Шайымкүлдөн сурады.

- Кайдан, айылга барса угат элем го, анда эмнеге келет элем?

- Чунак балдар кайда кетишти экен? - Экөө эки жерде ойлонуп турганда бир окууну бүтүп, ушу шаарда иштеп жүргөн баласы Бектур келип калды.

- Кайда кеткенин менден сурагыла, күйөө балага тундуңар го, кызыңардын шору чачынан көп экен, күч күйөө болбойм деп биерден көчүп кетишкен.

- Эми кайда экенин билсең мени алып бар, - Шайымкүл уулун карады, - Келип калганың жакшы болбодубу.

- Жүр,- Анан атасын карады, кичинекейинде кетип калганы үчүн саал таарынгандай, өкүнүчү бардай суз гана, - Сизчи? - деп койду.

- Апаңды салып алып алдыга айдай бер, мен артыңдан жүрөм, - деди Орозбай.

Бектур Шайымкүлдү жанына салып алды да алдыга айдап жөнөдү. Кууша айдаган эки машина келатканын көрүп Бекзат үйгө кирип кетти. Ал ошол күнү дем алыш болгондуктан үйдө болчу. Үйдүн короосу жок эки бөлмө экен, эшиктин алдына токтоткондо уялганынан чыга калып:

- Ассалоом Аллейкум! - деп экөөнө кол узатты.

- Аллеки салам. Ай бала, бу эмне айтпай-дебей көчө качтыңар? - Орозбай көрө сала жапыра кетти, - Бул үйдү сатып алдыңарбы?

- Жок... - Бекзат башын кашылап унчугалбай калды.

Аңгыча Акинай чыгып келгендерди үйгө киргизди. Чайын коюп, ары-бери чызылдата куурдак кыла койду, Шайымкүл небересин алып отуруп кызын карады: жүзү муңайым, бактылуу болуп турганы сезилбейт. "Курган балам" деп сыздап кетти жүрөгү, сыр бербеди,

Орозбай бак-бак эте:

- Отко айдаса бокко качкан неме экенсиң, үйдү ээн калтырып бирөөнүн үйүнө көз каранды болбой жашай бербейсиңерби? Ал үй экөөңдүн үйүңөр, ким бирдеме деп атат? Бекзат, ушу кызым үчүн ушинтип атам, же таластык болсо эле үй алып бере бермек белем?

- Ата, өзүбүз үй алабыз, ага чейин тура туралы, - Бекзат намыстанып болбой койду.

Акинай атасына карап күлүп калды:

- Кыздын ата-энеси берсе болбойт экен, "көз каранды болбойм" дейт.

- Ой ата-аңдын көрү, намысчылын, мунун, анда баарын даярдап алып үйлөнбөйт белең?

- Шарт ошондой болуп калды, буйруса алабыз да.

- Алабыз да эмес, алам де!

- Жезде, деги Акинай эжемдин көңүлүн оорутпаңыз, сизден суранам, азыр эшиктеги машинаны таштап кетем, мине бериңиз, - деп Бектур Бекзатты карады, - Баш оту менен бердим!

- Туура кыласың уулум, кыздан алган жарыбайт деген сөз бар илгертеден, кызга болсо бергенге жеткирсин, - Орозбай бакылдап уулун мактап койду, - Кой болбойт балдарым, өз үйүңөргө барып тайраңдап жашай бергиле. Карачы, бул үйгө эки киши келсе күтө албайсыңар го?

- Мейли жашай беришсин, өздөрү каалагандай болсун, тим кой, - Шайымкүл сөзгө кошулду, - Каалаган күнү барып алат, же киши киргизип акчасын алып тургула бош койбой.

- Туура айтат, батирге берип койгула, - деп көпкө отуруп Орозбай баласы экөө бир машина менен кетишти, Шайымкүл калып калды.

Машина мурунку моделдеги жигули эле, аны Бекзат ошол эле күнү айдап чыгып базардан эт алып келип кайненесин коноктоду. Эки үч күн жүрүп анан Шайымкүл айылга кетти. Акинай баласы менен алек. Бекзат он чакты күн тынчып эрте келип жүрдү, бирок көнгөн адат калмак беле, бир күнү машинасын айдап жумушка кеткен бойдон келбей, эртеси түштөн кийин келди. Акинай ал келээри менен алдынан чыгып ага:

- Сага жин тийдиби, соосуңбу деги? Сарсанаа болуп сени күткөн адам бар экенин, жаш бала менен жалгыз отурганын ойлойсуңбу? - деди.

- Иш чыгып калды, бир достун үйүндө болдум, менин балалуу болгонумду угуп алар келебиз деп атат, таксилеп акча таппасам уят болобуз го? - Бекзат жооп ордуна кайра ага суроолуу карады, ал билет Акинайдын урушпасын.

- Өзүң бил, - Акинай кайра кирип кетти.

Бекзат ичинен кым деп алды, анткени аны көптөн бери жүргөн келин күтүп аткан болчу. Ал машинаны от алдырып жөнөмөк болгондо Акинай баш багып:

- Бирдеме ичип албайсыңбы? - деди.

- Жок, тигилердикинен ичип келгем, кечке иштей койойун.

- Этият бол, кечке калбай эрте кел!

- Эрте эле келип калам, - деген Бекзат зуулдата жөнөй берди.

Акинай уулу менен калып калды. Уулу күлүшүп калганга көзүнө жакшы көрүнүп колунан түшүрбөйт, жалаяк жууп коюп узун күндө экөө кучакташып уктайт, кайра туруп эмизет. Ошону менен кечке убара. Бекзатка ал ишене баштаган, үйдө боло калса уулун алып, өзүн эркелетип көзүнүн агы менен тең айланып калган. Акинай: "Балабыз чоңойот, анан жашообуз ойдогудай болуп кетет. Жаштыгында кимдер жаңылбаган? Атам деле биз кичинебизде башка аял алып кетип калбады беле, кокус кетип калса уулумду кор кылбайм, иштеп алам" деп да ойлоп кетет. Ал күнү Бекзат түн ортосунда келди, иштебей эле таанышынан акча карыз алып алды, кечке Бүсайра менен болуп кечинде чарчадым деп кызуу келди.

- Ичип алып машина айдаган кантип болсун, этиет бол дебедим беле, тамак ысытайынбы? - Акинай ага боору ооруй карады.

- Убара болбой эле кой, таң атаарына аз калды, эртең менен ичем, - деп жатып алды Бекзат, - Кечке ушул болду, - деп ага эки жүз сомду кармата берди.

Үч төрт күн чындап эле андан кийин иштеди, досу аялы экөө конокко келгенде аны коноктоп жан-алы калбай бапылдап атты.

- Ушу досум, үйлөндүм, балалуу болдум, кудайга шүгүр иштеген ишим бар, астымда машина бар.

- Азамат Бекзат, Таластын Айчүрөгүндөй кызды таапсың, бактылуу болгула.

- Айтканыңар келсин, - Аз алып коюп отурушуп кызый башташты белем, эрди-катын экөө дасторкон четинде эле өбүшүп-жытташып жатты. Акинайга ал өөн учурап ичинен жаман көргөн менен сыртынан билгизбеди.

Булар чындыгы эрди катын эмей эле мындай жүргөндөр болчу.

Бекзаттын Бүсайрасы аларды күтүп дагы бир үйдө отурган.

Коноктор күүгүм кире кетмек болушуп, досу Кыдырбек:

- Бекзат, бизди жеткирип кой эми, биз кызып калдык, - деди Акинайга байкатпай көзүн кысып.

Бекзат:

- Албетте, жеткирем да, - дегенде Акинай:

- Өзүң кызуусуң, жолго чыксаң милиция кармайт, тынч эле эс алсаңчы, - деди.

- Кудай сактасын жаным, бат эле келип калам.

- Маршрутка жүрүп атпайбы, салып эле кой.

- Жо-ок, жеткиришим керек досумду, - Бекзат болбой эле аларды отургузуп алып айдап жөнөдү.

Жолдо келатканда Кыдырбек Бекзатты карай отургучка чалкалай минтти:

- Ээ Беке, аялдын кусуруна калган болбойт, деген менен жакшынакай аялың бар экен, балаң турат. Менин бир акылым сага, бул жолуңдан кайт!

- Бир күнү кайтам дос, азыр эмес. Эмитен аялдын көзүн караган болбойт, анын үстүнө сулуу кыз менен таттуу шарапты татпаган эркек да эркекпи? - деп каткырып койду.

- А сенчи, сен дагы бул жолуңдан кайткың келеби? - Айзуура кылыктана Кыдырбектин мойнуна колун ороду.

- Ооба, азыр ойлонуп отурам, бечара аялдар, биз кечиксек сарсанаа болуп уктабай баласын багып, тамагын жасап алып күтүшөт. Биз ар кайсы шылтоону айтып кулагына кесмеден илип коюп кыйынсынып басып жүрөбүз.

- А мен кантем анан?

- Сен дагы бирөөнү таап аласың!

- Сволоч! - Айзуура аны төшкө эки колдоп чаап-чаап ийди, - Сенсиз мага баары супсак, "аялымдын жанында жатып да сени ойлой берем" деген сөзүң кана?

- Эркек эмнени гана айтпайт, - Кыдырбек күлүп калды, - Бир жомокту уктуң беле?

- Кандай?

- Жомокту.

- Эмне деген жомок экен ал? - Айзуура чоюштай сурап койду.

- Илгери бир киши аялы менен жатпайбы төшөктө. Күйөөсү өлө-тала "иштеп" жатса аялы кем-карчын, сынык казанын айта берет. Ошондо байкуш киши: "баары болот байбиче, кичине үнүңдү чыгарып койчу, жаңы казан сатып берем!" деп атып, акыры "өх" деп кулап түшөт. Бир аздан кийин аялы: "казанды качан алып бересиң?" десе: "ой, берилип атканда айтылган сөз аткарылат деп кайдан уктуң эле?" дептир. Анын сыңарындай, сага да берилип эри-ип турганда айткам да! - деп каткырып калды.

Алар Бүсайрага жетип андан ары кетишти...

Акинай уйкусу келбей күйөөсүнөн сарсанаа болуп кеч уктады. Анан бир убакта эшик такылдаганынан чыкса Бекзат экен, машинаны сүйрөтүп келиптир. Акинай талкаланган машинаны көрүп жүрөгү түшө:

- Кудай сактап өзүңдүн аман калганың жакшы болуптур, кирбей тур! - деп үйгө шашып кирип чыныга суу алып чыгып башына айлантты, - Баары ушуну менен чыгып кетсин! - деп сууну чачып чыныны көмөрдү да, - Кир үйгө!

Бекзат ушул саам өзүн жек көрүп кетти, өзүнө үзүлүп түшүп турган аялын алдап, ымыркай бала менен таштап коюп ойноп күлгөнүнө жини келди. Акинай киргенден кийин тамагын ысытып алдына койду да, ойгонуп ыйлай баштаган баласын карап жалаягын которуп атканда Бекзат тамагын ичип болуп жанына барды:

- Асылым менин, мени кечирчи, сенин кадырыңды билбей жүрөм. Маңдайыма сени жазган кудайыма миң мертебе ыраазымын!

- Кечиргени эмнеси, өзүңдүн аман келгениңе кубанып отурам, кызуу бойдон айдаба десе болбойсуң.

- Сенин тилиңди албаганымды айтып атам. Бектурга эмне деп жооп беребиз эми?

- Ал эмне демек эле, коркпой эле гой, алар эчтеке дебейт, - Акинай күйөөсүн жаагынан сылай эркелетип, - Уулум экөөбүз үчүн сенин амандыгың керек, - деп өөп алды.

Бекзат ушул жолу берилип аялы менен жатты. Аттиң, аялдын мээримине таш ээрийт имиш, деңиз чайпалып, жер солкулдайт экен. Акинай өзүнүн сүйүүсү үчүн баарына чыдап, бу жолу сымаптай эрип жатты, дайрадай чалкып денеси от болуп күйүп турду. Бу жашоо дегениң кызык нерсе, билинбей өткөн күндөрүңө бир мүнөттүк гана бакыт татып калат, ошол күн эсиңде калат, ошол үчүн адамбыз. Ушул жолу тагдырына ыраазы болуп, көптөн күткөн бакыты башына конгондой, Акинай өткөн өкүнүчтүү күндөрүн силкип салды. Бекзат авариядан чоочуп калган экен, көзү илинсе эле селт этип ыргыт кетип жатты. Акинай аны "молдого дем салдыр" деп ойгоноору менен айтканда Бекзат:

- Ой, мен жаш бала белем дем салдыргандай, - деп болбой койду.

- Жаш балага эле дем салдырабы, чоочуп коркуп калса чоң киши деле ооруп калат, дем салдырып алсаң.

- Кой жаным, чоочуса чоочугандырмын, кудай бир сактады. Машина талкаланып калгыча мен нан болуп калмакмын, эч жерим эчтеке болгон жок, андан көрө эс алайын дагы эртең ремонтко берейин.

- Өзүң бил, ремонтко көп акча керек, айлыгыңды алганда эле бербесең, азыр тим кой, мен жети токоч жасай койойун, коңшуларды чакырып койолу.

- Ошентсең ошентчи.

Кеңешип отуруп чай ичишти, көңүл жай болуп отуруп чай ичкениң өзүнчө эле ырахат тура, ичте өкүнүч, сары санааң болсо май куйрук жегениңдин кайда кеткенин таппай каласың.

Бекзаттын машинасын уруп алганын угуп Орозбай жетип келди, бирок эчтеке дебеди, айланып көрүп:

- Башың аман калганы жакшы болуптур, мындайда аман калыш кыйын, катуу урган турбайсыңбы, кызуу окшойсуң? - деди.

- Кызуу деле эмес элем, эмне болуп кеткенин өзүм деле билбей калдым.

- Эч нерсе эмес, кудай сактайм десе кызыл чоктон да сактайт деген ошол, багыңар бар экен балам, запчас кылып сатып ий.

- Оңдоюн дегем.

- Оңдотуп эмне кыласың, жакында дагы бир машина болот, ошону берем, - Орозбай бакылдап койо берди, - Эскини оңосоң да ошол бойдон калат, андан көрө жаңы аудини айдаганга даярдана бер!

- Макул, - Бекзат нымтырап тим болду.

Кыз-күйөөсүнүн абалын көрүп ичинен тынып жолуна түштү Орозбай. Айткандай эле кийинки жумада аудини Бектур айдап келип, документтери менен өткөрүп берди. Экөө талкаланган жигулини чачып запчаска өткөрүп ийишти. Бекзат ичинен кайнатасына ыраазы болду: "өз атам бир машина мингизген эмес эле, булар эки машинаны берип отурат, бул да болсо Акинайдын кадыры" деп корстон боло аялын карады:

- Акинай, мен урушат го деп жүрсөм кайната кайра жаңы машина берип салды го?

- Атам өзү мени жакшы көрөт, сени мендей көрбөсө айтмакмын эми эле.

- Оо жаным, чынында сенин баркың.

Унчукпай калды, анын оюна достору, көңүлдөшү түштү. Бирок бул жолу аларга барбастан айылына үйбүлөсүн салып барып келмей болду. Акинайга айтты эле ал каршы болгон жок, кайра сүйүндү:

- Макул, апама да бара келели.

- Сөзсүз барабыз. Атасынын көрү, айылды бир кыдырып келеличи, уулумду чоң атасына көрсөтүп.

- Небересине көрүндүктү камдап турушкандыр? - Акинай күйөөсүнө сынай карады.

- Атам аянбайт, апам гана аны нукуп койот кээде, оюна койсо атам аябай берешен да?

- Атам го жакшы киши, апамды билбейм. Баса, бара турган болсок камыналы.

- Камынганда эмне, базардан алып ошондон ары жөнөйбүз, - Бекзат машинага отуруп оталдырып көрүп анан, - бензин аз экен, - деди.

- Акчаң барбы?

- Бар, жигулинин акчасын Бектур бүт эле мага берген.

- Аа-а, анда кенен барып келет экенбиз, эки үйгө тең базарлык алып алалы ээ?

- Албай анан, - экөө алчуларын алып камынып, Таласка жөнөп калышты.

Алар үйдүн жанына келип токтогондо сыртта жүргөн Зыйнат чыга калып уул-келинин көрүп утурлай басты:

- Келгиле, келген экенсиңер, айла-анайын, неберемди берчи мага? - Акинайдын колунан баланы ала коюп өөп-жыттап үйгө баштады, - Бу жамандын атын ким койдуңар?

- Изат.

- Атасына уйкаштырып койгон турбайсыңарбы, о-ой чоң атасы, неберең келди, барып көрбөдүңөр деп таарынып атат, - деп короодон кирип келатып эле үн салганда мал короодо жүргөн Турдугул чыга келди:

- Оо айланайын десе, келдиңерби? - Уулу менен учурашып, келинин чекесинен өөп анан баланы алайын дегенде Зыйнат ага култуңдап калды:

- Көрүндүгүң барбы?

- Бар эмей, - Турдугул төш чөнтөгүнөн жүз сом сууруп чыкты, - Көрүндүктү сага эмес келиниме берем!

- Мейли-мейли, чоң атасы, иши кылып куру көрбөй жаманга ырымы кылган жакшы, - кобурашып үйгө киришти.

Зыйнат оюнда: "уулум жакшы иштеп машийне алган экен" деп турган, уккандан кийин унчуга албай калды. Авария болгонун укканда экөө тең ыргып кетти.

- Капырай, этиет болбойт белең, эчтеке уккан да жокпуз.

- Ушу жүрөгүм сезген, мен барып келейин десем болбой койбодубу апаң, "биякта эгин бышып кетти, куурап кетти" деп.

- Эчтеке эмес. Машина жараксыз болуп калды, кайра кайнатам жаңысын алып берди, - Бекзат мактанып атты.

Анын сөзү Зыйнатка жага бербей турду, ичинен сүйбөгөнү билинип, Акинай баарын байкап койду. Аерде эки күн туруп Шайымкүлгө учурашып, андан ары кетмек болушту эле Турдугул машинасына бир козу салып берди:

- Бул уулуңардын көрүндүгү, апаңдын да берери бар, - дегенде Бекзат күлүп:

- Болот ушул, жөн эле койгула, - деди.

- Жөн коюп эмне, бу сен уулум оңолгонсуң го, "бер-бер!" деп эле турчу элең? Козу берип койду деп таарынба, баары силердики.

- Эми өзүм балалуу болуп калбадымбы, - Ошол кезде Зыйнат килем көтөрүп чыгып машинага салды, - Таарынып не.

- Машинаңардын көрүндүгү, ак жолтой, дөөтү колдогон, дөңгөлөгү зыпылдап тегеренген сайын акча тапкан машина болсун, балам!

- Айтканыңар келсин, - дешип экөө андан ары жөнөштү.

Алар келгенде Шайымкүл үйдө жок эле, үйгө кирип инилери менен отуруп калды. Апасы оо бир топтон кийин гана келип шашкалактап, берээрге эчтекесин таппай кайсалап казан-аягын калдыратып тамак жасап кирди. Баласына дароо эле миң сом кармата койду:

- Үйгө келген үчүн ушу неберемдин, анан бир торпок энчилеп кеткиле, эшиктеги уйдун музоосун бердим.

- Анча эмне, коюңузчу! - Акинай апасын аяп турду: "байкуш апам ай, берээрге эчтекесин таппай калат" деп ойлуу Бекзатты караса ал аны карады.

- Койбой эле, биринчи жээнибиз, "жээн киргиче жети бөрү кирсин" деп илгертен ошон үчүн айтылган да? - Шайымкүл күлүп небересин жыттап койду.

- Ошондо деле, жээнине берип эле отуруп калыш керекпи?

- Ой аны колунда бары тай жетелеткен кызым, колунда жогу кайдан? Кудайга шүгүр, өлбөгөндөй оокатыбыз бар, силерден аяп эмне кылам?

- Апа, сиз шаарга көчүп барып албайсызбы, үй бош турбайбы? - Акинай апасын карап эмне дээр экен деп күтүп калды.

- Силердин үйүңөргө барбайм кызым, бизге атаң башка үй алып берсин анан барам, болбосо барбай эле жүрөм. Ал үй силердики да, менин анда акым жок.

- Ой апам а-ай, атам байкуш колунан келгенин жасап эле атпайбы. Болбосо башка кетип калган аталарды угуп-көрүп эле жүрөм, үй алып бермек турсун кабар алып коюшпайт, - Акинай апасына таарынып калды, - атама көп эле жүк сала бергенде эмне, эки баласы турат.

- Мен ага эмнеге жүгүмдү салмак элем, кызым, - деп Шайымкүл кызына ойлуу карады, - Болгону "кетиптирсиң, мейли, бирок аталык милдетиңди аткар" деп көзүн ачып айтам, а бизге болсо үй алып берем деген өзү! - Күлүп койду.

- Ыраспы? - Акинай дагы кубана күлүп, - Көрдүңбү атам кандай адам, Бектурду жумушка киргизип карап турат, Артурду да шаарга барса эле жумуш таап берип койот.

- Ал карабаса ким карайт? Мен болсо иштебей үйдө отурсам, соода кыла албасам, - Шайымкүл ордунан туруп тамагын карамак болгондо Акинай:

- Отура бериңизчи, мен деле карайм, баланы карап туруңуз, - деди.

- "Төркүнгө төбөлөгөн кыз келсин" деген сөз бар кызым, кыз келип сый көрүп, эс алып, көңүлү көтөрүлүп кеткен жакшы. Сен кызматты кайын-журтуңа кыл, мен өз энеңмин, азырынча баарына жарайм, - деп аны тургузбай өзү чыкты.

Ал күнү аерде конок болушту, сыртка чыгып торпоктун кулагына Бекзатка эн салдырды.

- Бул силердики, кааласаң куданыкына кошуп койгула, кааласаң биерде болсун, болбосо чоңойтуп сатып алгыла!

- Кой, сатпай эле уй кылып саап ичебиз, - Акинай күлүп калды, колдору сербеңдеген уулуна карап, - Изат, бул сенин торпогуң уулум, көрдүңбү, таенең берди, - деп кубанып эркелетип жатты.

Жайдын күнү уюн алып келип саап ичип аткан эле Шайымкүл:

- Быйыл ар жерим ооруганынан сүт ичейин деп уйду алдырып алгам, өзүм дагы Изат келсе ушул торпокту берем деп ойлонуп жүрдүм эле, - деп торпокту жонунан сыйпалай Бекзатты карады, - Асыл тукум уйдун баласы, сүттүү уй болот, уй кылсаңар болот.

- Ооба, көрүнүп турат, асыл тукум уйлар өзү аябай чоң болот да, жаңы төрөлгөн торпогу бул болсо...

- Бекзат Акинайды карап күлдү, - буйруса эки маал эки чакадан сүт берет.

- Күнүнө жыйырма литр болуп кетет го?

- Тойгузуп турсаңар сүттү жакшы берет, - Шайымкүл балдарына сүйкүмдүү жылмайды, - Айран уютуп калтага куйуп койсоңор сүзмөсү жакшы, кыскасы мал деген адамды багат.

- Сүтү жок уйларды көрүнүшүнөн эле билсе болот.

Үчөө көпкө кобурашып отуруп тамактанып анан кеч жатышты. Ал күнү аерге жатып, эртең менен кетээрде Шайымкүл үйдөн жаңы төшөктөн экини, төрт жөлөнгүч алып чыгып машинага салды:

- Атаңар машина берсе мен төшөк берейин, машинаңардын көрүндүгү!

- Оой, тим эле койсоңуз болот эле... - Бекзат уялгандай Акинайды карады.

- Эчтеке эмес балам, болсо беремин, аябай калайын, алы-күчүм барында алып калгыла! - Шайымкүл небересин жыттап алды, - Ананайын десе борсойгон, ырыстуу болсоң болду.

- Апа, тим койсоңуз болмок, эми берсеңиз ала бергидей бала эмеспиз, өзүбүз тапканга аракет кылалы, бекерге жамынбай, жакшы туруңуз, - Акинай апасын эки бетинен өөп машинага отуруп баласын алды.

- Жакшы туруңуз! - Бекзат кайненесине сылык гана коштошуп жүрүп кетти.

- Аман-эсен жетип алгыла, дөөтү ата колдосун!

Шайымкүл узата карап калды, анын турушунда эмне деген көз караш турганын кандай жазмакер болсо да жеткире жазалмак эместир. "Бала деп балапан башым куурады" деген сөз бекеринен айтылбагандыр. Кайрылып үйүнө кирди, үйдө экөө уктап жаткан. Акинайдан аз да болсо көөнү тынгандай болуп калды. Бектуру үйлөнсө, анан Артуру үйлөнсө, эң кичүүсү да чоңоюп мектепти бүтөөрүнө аз калды. "Ушулар өз ордун таап алса анан көңүлүм тынып калат эле", деп ойгонбой уктап жаткан балдарын карап коюп ашканага кирип чай койду да өз ишине киришти.

Акинай менен Бекзат кечке жетип келишти. Баштагыдан ынтымактуу, бир-бирине берилип сыйлап тургандай болгон менен Бекзат абдан зеригип кетти: "кызык, өмүр бою бир аял менен кантип жашашат болду экен? Күндө бир тамакты иче берип көңүл калгандай, кайра-кайра бир эле кинону көрүп тажагандай болуп жашай беришкенин кара. Мен андайга чыдай албайм, Акинай акыры меники да, кайда качмак эле" деп эки күн үйдө жатып жумушуна жөнөдү. Бекзат менчик адвокат болгусу келип документ жасап жүгүрмөк оюнда, бирок ага адегенде эле Аделя жолугуп калды:

- Кандайсың красавчик, көрүнбөй куса кылып ийе жаздадың го? - ал дароо эле анын жанына отурду, - Айда, түштөнгүм келип жатат.

- Аделя, азыр мени уят кылба, чөнтөгүм жука, эч нерсе алып бералбайм, - Бекзат анын сырын билгендиктен ушинтти.

- Сендей красавчикти мен өзүм сыйлайм, карман бош эмес! - Аделя ага кыйшайып барып өөп койду, - Бол, кайда баралы?

- Сен айтчы.

- Анда Кербен-Сарайга айда!

- Кеттик, - машинасын айдап жөнөдү.

Аделя өзү сойку кыз, өңдүү-түстүү, баягыда үйүнөн дырдай жылаңач кармалган ошол болчу. Ошондон бери жолуккан эмес.

- Аялың ничего экен, баягыда жаныңды сууруду го дейм? - Күлүп койду, - Аялы бар киши менен кармалган өтө оор ай, шерменде болуп кала жаздадым.

- Ал мага унчуккан деле жок, үндөбөгөн оюн ойнодук экөөбүз көпкө чейин, - Бекзат ойлуу рулун карап кетип атып күңк этти, - Аялым жакшы аял, мен анын кадырын билбей жүрбөйүмбү?

- Сени аябай сүйсө керек, сүйбөсө сени кубалап чыкмак менин артымдан эле?

- Билбейм, алтын аялым бар... - Кербен-Сарайга жетип стоянкага токтоду да ээрчише кафеге кирип Аделя тамакка заказ берип вино кошуп атканда Бекзат:

- Мен рулдамын, ичкенге болбойт, бир бөтөлкө сага көп болуп калат го? - деди.

- Көп эмес, бүгүн эс алам, сен мени жеткирип койосуң да?.

- Өзүң бил, - Бекзат көңүлсүз баш ийкеп койду.

Көпкө чейин тамактанып отуруп Аделя кызып калды:

- Бекзат, мен сени унута албай койдум, мурда кайда жүрдүң эле ыя? Эгер аялың болсом өмүр бою иштетпей багып алмакмын...

- Эмне, сойкулук кылыппы?

- Жо-ок, сен түшүнгөн жоксуң, мен окууну таштап салгам да, болбосо врач болмокмун.

- Эмне үчүн окууңду таштадың эле?

- Контрагымды төлөй албай калдым, атам ошол жылы өлүп калды, айылга апамдын жанына барууга туура келди.

- Анан кантип бул жолго түшүп кеттиң?

- Ээ, сен сураба, мен айтпайын... - чылым түтөтүп көпкө ойлонуп отуруп анан сүйлөп киргенде Бекзат аны түрттү:

- Жолдо айтасың, жүрү чыгалы.

- Дагы бир вино ичпейинби? - Аделя ага көздөрүн сүзүлтө карап калды.

- Жок, сени көтөрүп жүргөнгө убакыт жок, - Бекзат аны колтуктап алып жөнөдү.

- Ай ушу эркектер жамансыңар, адамды эркин койбойсуңар? - Аделя ага сүйөнө чыгып машинага отурду.

- Ии-и, сүйлөй бер эми, - Бекзат айдап баратып ага бурулду.

- Эмнени айтып аттым эле? - Бекзатка жөлөнүп алып сурап койду.

- Кантип сойку болгонуңду...

- Аа-а, - деп койду Аделя, - Биздин коңшубуздун келини бар эле, ал шаарда иштечү. Мингени машина, дайыма барганда кычырап барчу. Мен апамды карап үйдө жүргөм, кыйналып бараттык, менден башка бир эле иним бар, апам оорукчан. Бир барганда мени көрүп калып жумуш таап берем дегенинен кызыгып калдым, мен дагы кычырап машина минип жүргөнүмдү элестете кубанып макул болдум, апам көңүлдөнбөй туруп алды:

- Кызым, шаарга кеткендер айда-жылда бир келет, сен мени көрбөй каласың го?

- Апа, иштеп калсам акча жөнөтүп турам. Сейитти да окутам, ал быйыл кийим кечеси жок окууга барбай жүрөт.

- Эжем иштеп келе берсинчи апа, сизди мен өзүм багам, - деп Сейит да бир жагынан чыкты.

- Мейли кызым, өзүңөр билгиле, тез-тез кабарыңды билдирип тур анан.

- Ананчы, сөзсүз билдирип акча жөнөтүп турам, - деп апамды кучактап өөп коюп Советкан эжеге жетип бардым, жөнөгөнү жатыптыр:

- Кеттик, - деди.

- Кийимимди алып алайын.

- Кийимиңди эмне кыласың, мен сага жаңы кийим кече алганга жардам берем, - дегенинен апам менен коштошмокко жүгүрүп барып кайра келдим. Ошондо апамды акыркы жолу көрүп жатканымды кайдан билдим? Шаарга барып заматта жумуш таап байып кете тургансып элеп-желеп боло жөнөп кеттим. Шаарга да келдик, Советкан үйүнө бараары менен бир сыйра кийим алып берди. Бирок ал алып берген кийимди мурда кийип көргөн эмесмин, уялып ага карадым да:

- Эже, ушуну кантип кийем, - десем ал мага күлдү:

- Ушундай кийим менен көчөгө чыксаң жигиттер карашат, анан акчаны жакшы табасың, мен сенин кыйналып атканыңды көрүп жардам берейин дедим.

- Оой эже, кантип көчөгө чыгам?

- Ушинтип эле. Өзүң көрдүң го, булар абдан кымбат кийимдер. Унутпа, бул үчүн мага да карыз болгонуңду.

- Кызык, - Мен эжеге каяша айталбай же басып кеталбай турган жеримде катып калдым.

Ал менин жаныма келип:

- Ойлонгондо эмне, кыйынчылыктан чыгыш керек, оорулуу апаңды, иниңди ойлон! -деди да бөлмөдөн чыгып кетти.

Мен мелтиреп кечке ойлондум, акыры мынча келгенден кийин эмне болсо да кайыл болууга даяр болдум, апама акча салам дегенимди эстедим, окубай менден үмүткер болуп калган иним Сейитти эстедим да, аргасыз макул болдум. Бирок биринчи түнүмдүн баасы канча экенин билген дагы жокмун, ошол түнү алгачкы түнүм мыкты бизнесмен, абройлуу адам болду, мен ага кызындай эле болуп калат экемин...

Ошентип иштеп жүрүп бир жыл өтүп кетти, апама акча деле берген жокмун, анан бир күнү Советкан эжеге:

- Мен апамды көрүп тыйын-тыпыр берип келейин, - десем ал мени жини келе карап.

- Кызыксың, жеп-ичип жатасың, кийгениң, жашаганыңдын баары акча, анан кайсы акчаны берем? - дейт.

- Бир жылдан бери эшек такалап жүрдүмбү? - Мен жиндене бакырдым, - Эгер сыйың менен бербей турган болсоң милицияга өзүм барып айтамын, алдап келип мени сатып бир жылдан берки акымды бербегениңдин артыгы чыгат!

Бакырып-кыйкырып сөгүп киргенде ал сестене калды, ал мурун эле апамдын өлүп калганын угуп айтпай жүрө бериптир, иним туугандарымдыкына кеткенин, үйүбүз ээн калганын да билет экен. Бир аз ойлоно калды да жагалдана түштү, кокус энесинин өлгөнүн билип кайра келгенде мени өлтүрүп койбосун дедиби:

- Азыр бир аз акча бар эле, ошону берейин, кайра келгенде иштеп бересиң да? - деп төркү бөлмөсүнө өтүп кичинекей сейфин ачып акча санап жатканда кирип бардым да колундагы акчаны жулуп алып:

- Бир аз акчаң ушубу?! Канчалаган кыздарды ыйлатып сатып акысын бербей атканың үчүн сени сызга отургузам! Анан да машина менен айылга барганыңды көрсөм "кыздарды сатып иштеген аял" деп шермендеңди чыгарам, кайната кайненеңе ачык айтам! - дедим да өзүмө тиешелүү акчаны санап алып, калганын кайра бердим. Ал үн деген жок:

- Аделя, айылга шерменде кылба! Көрдүң го, мен көчөгө чыкпайм, болгону үйдө кармайм, - деп жалдырады.

Эгер мен чечкиндүү болбосом, эркектей орой мүнөзүм менен аны коркутуп сүйлөбөй бүжүрөп ыйлап отуруп берсем ал мени сабап туруп эчтеке бербей жолго салмак. Мен ага жооп бербей басып кеттим да, айылыма жөнөдүм. Бир жылдан бери эмне болду экен деп сарсанаа болуп келсем үйүм бек. Коңшубуздан сурасам:

- Ээ кокуй, апаңды эки ай мурун коюп койгон, кайда жүрөсүң укпай? Тиги Советканга айтпадык беле, көрсөң жибер деп, - десе болобу!

- Эмне, Советкан эже укту беле?

- Сени "таппай атам", деп койгон.

- Акмак! - дедим да томсоруп ээн турган үйгө кирип алып өкүрүп-бакырып ыйлап жаттым.

Канча отурганымды билбейм, бирөөлөр менин келгенимди айткан экен, Сейит келип мени кучактап ыйлап ийди. Экөөбүз көпкө чейин ыйлап отуруп анан жеңем келип үйүнө алып кетти. Алып келгендеримди куран окутуп, апама деп арнап сатып алган көйнөк-жоолугумду жеңеме бердим, ал атамын инисинин аялы. Инимди кийинтип алып бир жума туруп апамдын мүрзөсүнө барып куран окутуп келдим да, шаарга инимди алып баса бердим. Иним жетинчиге чейин окуп, анан окубай калган. Келген күнү батир таптым да Сейитти аерге калтырып, Советканга жиним менен жөнөдүм. Келсем кыздар бар экен, алар менен учурашып сурасам уктап атат дешти. Эшикти тээп ачканымда ал ыргып турду:

- Тынчыраак уктатпай койдуңар, эй жалаптар, андан көрө кечкиге камынгыла! - деп үн салып, мени байкабай кайра жатмак болду эле жетип барып жакасынан ала өйдө кылдым:

- Сен мени таппай жүрдүң беле?!

- Аделя, эмне болду? - Көзүн ушалай коркуп кетти.

- Эмне болгонун сурайсыңбы менден?! Алдап алып келип сатып, акчасына жыргап сен жашасаң, мен апамдын өлгөнүн билбей денемди сатып сени багып жүргөн экемин да ээ?! Сен мени келесоо дедиңби? - Жаактан ары чаап-чаап ийгенимде кыздар арачаламакка кирип келди. Мен аларды колумду көтөрүп токтоттум эле, селдейип-селдейип туруп калышты, - Кана эми өз колуң менен азыр жыйырма миң бер! Мен сенин итчилигиңди билгенде сага калтырбай он миң долларыңды кошо алмакмын! Сыйың менен бербесең өлтүрүп кетем! - деп коюп-коюп жибердим да, мойнунан кармап муунта баштаганда Советкан:

- Аделя, жанымды кой айланайын, сураганыңды берейин! - деп жалдырап ийди.

Койо бердим. Ал менден корккону менен ичинен бирөөгө шилтеп койгусу келип турганын сездим, анткени ал менттер менен беш болчу, салыктарын төлөп, жаш кыздарды аларга салып берип жагынып турчу. Өзү да жылмаңдаган неме, күйөөсү өлгөндөн кийин балдарын кайын-журтуна таштап коюп ушул ишке өтүп алганын кийин билдим. Эптеп ары карап ыйлап, бери карап күлүп атып жыйырма миң сомду бергенде:

- Паспортумду кошо бер, - десем ал кыйшаңдайт, - Аделя күлүп алды, - Анан аны өйдө кылдым да:

- Эми да сени менен иштешип сөөк талашат деп турасыңбы? Мени таза жолдон ыплас жолго салганың үчүн өлтүрүп салгым келип турат, кудайдан корком, келе паспортумду! - деп бакырганда ал:

- Эртең келчи, кайда койгонумду билбейм, - деди.

Мен аны оюна койбой демиткенде акчалар салынган сейфтен алып чыгып бере койду да:

- Акыры бир жолдон жолугабыз, кыз болсоң да баатыр экенсиң! - деп кекенгендей кыжырлуу күлүп кала берди.

Мен үндөбөй чыгып кеттим.

Иним экөөбүз ал акчага кийинип, жарым жылдык акысын батирге төлөп коюп базарга чыгып жашап жаттык. Жанагы жерде бир жылдай иштегенге бир топ киши таанып калып, эми айрымдары соода кылган жериме да келип, бир жолу алардын бири жаныма туруп калды.

- Чоң кыз, сүйлөшсөк болобу? - деп маңдайымда жылмайып туруп калганынан Сейиттен уялып:

- Сиз кимсиз? - дедим.

- Тааныбай калдыңбы? - деп келатканда аны сүйлөтпөй өзүм жеттим да, ары бастым: - Сиз кимсиз, инимдин көзүнчө эмнеге минтип атасыз?

- Билесизби, сизди саунага алып барбадым беле?

- Жок, тааныбайт экемин, жашоо ушундай экен, кечиресиз. Мен азыр соода кылып атам, - Сөзүм бүттү дегендей басып кетээримде колдон алды:

- Сиз мага жагып калдыңыз, көп кыздардын бири эмессиз, көңүлүм сизге түштү, жок дебеңиз, эки эсе төлөйм, бүгүн мени менен бирге болуңуз, - деп колумду койо бербей туруп алганынан:

- Алысыраак барып туруңуз, мен азыр барам, - дедим да Сейитке келип:

- Сен соода кылып тур, азыр келем, - деп Тайырга жетип уруша баштадым, - Сиз мени түшүнбөйсүзбү, мен ал жолдон алда качан кеткем, тынчымды албаңыз!

- Аделя, эгер тилимди алсаң сага баарын берем, үй, машина, акча! Менин шагымды сындырба!

- Жок, болбойт, кетиңиз азыр бул жерден! - десем ал жалдырай баштады.

Мен бир нерсени ойлой койдум дагы:

- Анда азыр төлөңүз, акчаны алып таштап коюп сиз менен кетем! - дедим эле ал чөнтөгүнөн эки миң сом алып чыгып бирин бере койду.

Антээрин билген эмесмин. Клиенттер дайыма иш бүткөндө төлөшчү. Эмне кылаарымды билбей туруп калдым. Ары-бери өтүп жаткан элдердин ичинен мени тааныгандар соодалашып жатат деп ойлоп атабы деп уялганымдан акчаны алдым да басып кеттим. Сейитке барып жумуш тапканымды айтсам ал макул болду. Мен жумуш менен таанышам деген шылтоо менен жөнөдүм. Ал күнү ал мени абдан ыраазы кылды, тамактардын түрүн, пиво ичтик, арак ичпедим, ичип келгенимди көрсө иним эмне дейт деп өзүмдү тыйып отурдум. Ошентип аны менен кээде жолугушуп жүрүп сага кабылдым...

- Да-да-а, ошондой дечи?

- Ошондой, эми билсең эмне кылаар айламды таппай калдым. Сенин үйбүлөң бар, мен сойкумун, сага менин керегим жок экенин билем, - Аделя ойлуу Бекзаттын колун тартып кучактап алды, - Сенсиз жашоо мага кыйын болуп калды.

- Кызыксың Аделя, менин үйбүлөм бар, анан кайдан сени менен... - Бекзат ага кыжыры келгендей сүйлөдү, - Экинчи минтип жолукпай жүр, жакшы жүрсөң өзүңө теңди таап аласың. Аңгыча алар жашаган батирге жетип келишти, - Түш, мен кетейин.

- Жок дегенде нан ооз тий! - Аделя аны кылгыра жылмая карап отуруп калды.

- Иниң экөөң жашасаңар уят го?

- Ал бүгүн келбейт, айылга акемдер чакырып кеткен.

- Жүрү анда, бат эле чыгам, кармала албайм, - Бекзат түшүп эшигин жаап коюп Аделянын артынан басты.

Бөлмөгө кирип Бекзат аябай таң калды, аны сезе койгон Аделя:

- Азыр бизде үй гана жок, башканын баары бар, - деп нан коюп, анан газ күйгүзө баштады, - Бир чыны чай ичип кет!

- Жок-жок, Аделя, мен шашып жаттым эле, көңүлүңдү кыялбай эле келдим, - Бекзат нандан чымчый ооз тийип, эми кетейин деп өйдө болду, - Жакшы кал, чайыңа рахмат!

Ошол замат Аделя аны босогодон тосуп, эшигин ичинен илип:

- Эмнеге Бекзат, бир аз убактыңды мен үчүн бөлө албайсыңбы?! - деп заматта анын мойнуна асылып, кийимин чечип ыргытып, өзү да жылаңачтана, - Мени менен акыркы жолу бир түн болуп кой, суранам! Мындан кийин мынабу эч кимге кереги жок сулуу денемди өмүр бою топуракта кала турган кылам, мага башка жашоонун кереги жок, - деп аны төргө жыкты да жанталаша өпкүлөп атып сүйлөй берди, - Сездим дүйнөдө сүйүү бар экенин, сездим сүйүүмө жетпей өтүп кетээримди! Эми сени менен коштошом, Бекзат! Акыркы жолу менден жасалма сүйүүңдү аяба, мени акыркы жолу өөп, жанымды жыргатып койчу?!

- Аделя, драма ойнобой койо берчи, эмне болуп атасың?

- Мен сени бүгүн издеп чыккам, эгер жолукпасаң арманымды ичиме катып кете бермекмин!

- Койчу Аделя, сен жашсың, кайдагыны айтып башты оорутпай мени койо бер!

- Жоок, менин каалоомду аткарасың, анан артыңды карабай кете берсең болот!

Аделя каалагандай кучактап, бир кумардан чыгып жатты, ыйлап жатты. Көптөн кийин өзүнчө ары барып кийимин кийинди да:

- Кете берсең болот! - деп аны карабай туруп айтты.

Бекзат кийинип туруп кетти, ал аялдардын кырк амалынын бири деп ойлоп үйүнө кетип калды.

Ошол күнү ал кийип жүргөн костюмунун төш чөнтөгүн караган да эмес. Костюму илинген жерде калган, жумушуна көйнөкчөн кеткен. Акинай отуруп-отуруп костюмду алып баласына жаап коюп, анан жалаяк жууду. Изат ыйлап калганда костюмду ары таштап баласын эмизди. Көтөрүп алып сыртка басып келмек болуп баратып костюмду илип коймок болуп эңкейгенде кылтайып турган кагазды көрдү. Алып караса кат экен, таңгала окуп кирди:

"Бекзат, менин махабатымдын түбөлүк экендигин сага айтып жеткире албасмын. Тагдырымдын талкаланган күнүн эстесем көз жашым жазгы ак жаандай төгүлүп, жүрөгүм сыздайт! Эгер ал аял себеп болбогондо мен дагы өз жүрөгүм сүйгөн адамдын ак никелүү аялы болуп, эне деген аттын жер көтөргүс оор жүгүн мойнума жүктөп сүйүктүү күйөөм менен баламдын түйшүгүн тарткан бактылуу аял болмокмун... Бирок менин тагдырым такыр башкача чечилди, ар кимдин оюнчугуна айландым. Анан.., анан сага жолугуп калып дүйнөдө болуп көрбөгөндөй сүйүүгө кабылдым, айтып бүткүс арманды арттырып тирүү жүрө албасымды билдим. Сен мени сүйө албайсың, аны билем, тоскоол болгум да келбейт, мен сүйүүнүн курманы болууга даяр болуп, бул жашоонун жыргалынан кечүүгө бел байладым. Анткени сенсиз жашай албайм! Кош менин махабатым, мендей акылсыз кызды эстеп жүр, жок дегенде кээде эстеп койоорсуң. Аделя".

Акинай нес болуп туруп калды. Акылына эч нерсе келбеди. Кечке кыжаалат болуп атып тамагын жасап болуп Бекзатты күтүп калды. Машина эшиктин алдына токтогондо унчукпай отура берди, катты терезеге коюп койду да, өзү дасторкон жайып тамагын белендеп жатты. Кирип келген Бекзат колун жууп, аарчымак болуп терезенин тушунда илинген сүлгүнү алып жатып кагазга көзү түштү. Эч нерсе оюнда жок аны окуп баштаганда эле Акинайга карап:

- Бул катты кайдан алдың? - деди.

- Чөнтөгүңдөн түшүп кетти.

- Менинби? - Бекзат андан сураган менен: "кайсы убакта салып койду экен, качан жазганга жетишти? Кудай уруп байкабай калганымды кара", деп ойлонуп туруп калганда Акинай:

- Отуруп тамак ич! - деди жай гана.

- Азыр, - Бекзат сыртка чыгып катты толук окуп кайра кирди, - Акинай, жүрөгүңө эч нерсе алба, бул бир байкуш кыз болчу, андан көрө куй тамагыңдан, - Бекзат эчтеке болбогондой тамагын ичип, баласын алып отуруп ичтен сызып атты: "куураган кыз, эмне болду экен, кокус өлүп калсачы?" дегенде жүрөгү зырп этип кетти. Ушул саам Аделяны көз алдына келтирип алды. Ал күнү-түнү менен ойлонуп чыкты.

Эртеси эрте туруп даяр чайын ичип алып чыгып кеткенде Акинай телмирген бойдон карап турду: "Бул соо эмес, эмне кылышым керек, же өзүмдү кыйнабай эле кетип калсамбы?" деп улутунуп алды, уулунун үнүн угуп кирип аны карап өзүнчө алаксый түштү.

Бекзат башка ишин токтотуп, адегенде эле Аделянын батирине жөнөдү, келип үйдүн эшиги кулпулануу экенин көрүп суу алып жаткан аялга кайрылды:

- Эже, бул үйдө жашагандар кайда кеткен?

- Кимиң болот эле?

- Карындашым...

- Аа-а, ал кечээ түнү бирдеке ичип алганбы, өлүп калыптыр, кечээ алып кетишти, - деди кейий.

- Кечиресиз...

Бекзат жаман акыбалда калды, теңселе басып машинасына жетти да башын мыкчый көпкө отурду. Бир кезде чоочуп кетти, көзүнөн жаш чыгып ыйлап жатканын сезди. Эки жагын карана көзүн аарчыды да айдап жөнөдү, кафе-барга келип жүз грамм алып ичти да башын мыкчый отуруп калды. Аделя менен таанышкан күнүн эстеди...

Жаңы эле үйлөнүп келген, жумуш издеп жүрүп ашканага кирип тамактанганы столго отурду. Бир кезде кыска юбка кийип, чачын жайып алган татынакай кыз анын жанындагы столго отуруп калды. Бекзат алдына келген тамакты ичип атканда тигил кыз көздөрүн жалжылдата күлмүңдөп:

- Эмнеге жалгыз отурасыз? - деп койду.

- Жалгыздык өзүмө жагат, - Бекзат көңүлсүз күңк эте тамагына карады.

- Жалгыздыкты жактырган сиз кандай жансыз, деги эле эркектер ойноп күлгөндү жакшы көрүшөт го?

- Мен андайлардан эмесмин!

- Жаныңызга отурсам болобу? - Ал кайра эле кайрылып суроо узатты.

- Отура бер! - деди да өзү салфеткага колун аарчый ордунан турду.

- Сиз кетсеңиз эмнеге мен аерге отурмак элем, бир аз отура туруңуз эрмектешип отуралы, - Менюну колуна алып анын жанына келди, - Менин атым Аделя! - колун сунду.

- Бекзат, - Аны кандайдыр бир күч тартып тургандай отуруп калганын байкабай калды.

- Мына, биз эми таанышпыз, - Аделя официант келгенде ага вино, эки кружка пиво, эки порция тамак заказ берди да, - Кайда иштейсиз? - деп сурады.

- Жумуш жок, издеп жүрөм.

- Аа-а, - деп койду Аделя.

Экөө бир топко отуруп анан сыртка чыгышты. Бекзат кызып калган, Аделя такси кармады да аны бир үйгө алып барды...

Ошондон баштап экөө аябай ынак болуп кетти. Кийин Акинай кетип калганда үйүнө алып барып: "Эгер Акинай келбесе экөөбүз жашай беребиз" деген эле, бирок эртеси Акинай келип калып Аделяны сүйрөп чыкканда эч нерсе дей албай калган, анткени үй аныкы болгондуктан өзүн кармаган эле.

Көз алдынан чубап өткөн азыраак бактылуу күнү эми Бекзатты арманга бөлөп турду, көрсө келин-кыздарды жандап жүрүп Акинайдын өзүнө айткандары үчүн сүйөт экемин деп үйлөнүп алганын азыр гана билди. Көрсө сүйүүнү эми гана сезди, жалгызсырады, машинасын жин ургандай айдап жөнөдү. Шаардын четине чыгып айылдан ээн жерге барып токтотту да башын койгулап кайра-кайра Аделянын элеси көз алдына тартылып кыйналып атып уктап калыптыр, ойгонсо айлана капкараңгы болуп калган экен. Көзүн кайра жумуп, ошол жерде жатып уктап калды. Эртеси үйүнө келип түнөрүп жатып алды. Алдына ашын, чайын коюп күйпөңдөгөн аялына көңүл да буруп койбоду. Акинайдан да үн чыкпады, буулугуп бирөө менен урушкусу келген Бекзат бир кезде:

- Эмне эле "ич, же" дей бересиң, ачка болсом өзүм эле ичем! - деп бакырып тура калды.

- Бекзат, анчалык эмне ачууландың? - Акинай аны үрпөйө карап калды.

- Эн-неңди урайын десе, көрүнчүдөй болуп өмүр бою артымдан ээрчип сенин азабың өттү!

- Эмне-е? - Акинай мууну калтырап, ызасынан өзүн кармай албай калды, - Мен сага көрүнчүдөй болуп калдымбы?! Көрүнгөн сойкуларыңа баралбай кыжаалат болсоң жолуң ачык, азыр да кете бер!

- Кете бер дегидей сен кимсиң, керек болсо сен кет!

- Кетсе кетем эле, - Ыйлап алган Акинай кийимдерин салыштырып, баласын көтөрүп чыгып жөнөп баратканда Бекзат:

- Кайрылып изимди баспа, тажадым сенден! - дегенде Акинай буулуга:

- Убалым уктатпасын! Ак сүйүүм, никебиз урсун! - деп жибергенде Бекзат ордунан туруп барып колунан тартып кайра үйгө киргизди да баласын алып өзүн бир чапты:

- Мени каргагыдай сен кимсиң? Качан болсо сүйрөлүп сүйүүңдү колко кылып артымдан калбайсың! - Бекзат аны өчү бардай тепкилеп кирди.

Колундагы баланын чырылдаган үнүнөн улам дароо уйкудан ойгонгондой нестейе калып аялын карады. Заматта бети-башы көгөрүп, ал ичин басып жатып калыптыр, баланы жаткыра коюп аны көтөрүп төшөккө алып барып жаткырды да тамырын текшерип көрсө согуп жатат. Эсин жоготуп койгон Акинай түн бир оокумда өзүнө келип кыңкыстады эле жанына келип, суудан оозуна тамызды:

- Аа-а, аа-а! - деп катуулап онтоп кирди.

Айласы кеткен Бекзат эмне кылаарын билбей ага тигилди:

- Акинай, Акинай! - деп жүзүнө тигиле аны карап коркуп турганда:

- Бекзат, бала кана, баланы ыйлатпа, - деп араң айтты.

- Ыйлатпайм, өзүң жакшы элесиңби, доктурга алып барайынбы?

- Жо-ок, - Акинай алсыз шыбырады.

- Чай берейинби?

- Жок.

- Мени кечирип койчу Акинай, өзүмдү билбей калдым.

- Ийи...

Ошондо ал ары карап кетти. "Жөн эле кетирип ийбей, ата-энеси көрсө эмне дейт? Кой, муну доктурга жаткырып коюп бала менен досумкуна бекинип турайын" деп ойлоп эртең жарыкта алып бармай болду. Бала эмизгенге акыбалы жок Акинай түнү менен онтоп чыкты, Бекзат баласы менен алпурушуп жатып Аделяны да унутту. Таң атты, бала какылдап ыйлап атты, эмчеги толуп калган экен, Акинайды кырына оодарып эмчегин баланын оозуна салмак болуп жатканда ал бакырып ийди:

- Аа-ай жаным!

- Акинай, бала ыйлап атат, эмизип койчу кудай жалгагыр!

Айласы кетип аны эптеп кырынан жаткырды да эмчегин баланын оозуна салганда чопулдатып кирди "ох" деп алды Бекзат. Акинайдын денесинде тамтык жок, беттери көгөргөн, кыймылдаарга алы жок жатты. Бекзат уктап кеткен экен, күн көтөрүлүп калыптыр. Тура калып кийинип, Акинайдын халатын таап киймин көтөрмөк болду эле ал:

- Мени кыйнаба Бекзат, денемди оорутпай тим кой! - деп араң айтты.

- Ооруканага алып барбасам болбойт Акинай, дарыланбасаң кантип айыгасың? Мендей акмакты кечир, ит болдум, - Бекзат анын колунан кармай жанына тизелей отуруп кечирим сурап жатты.

- Болду Бекзат, кечирим сура-сураба баары бир. Эми болбой калды, сен мени кечир, экинчи артыңдан баспайм, жолтоо болбойм...

Улутунуп алды. Бекзат үндөбөдү, балким ал дагы ошону каалап тургандыр, бирок ачык айтпады, ата-энеси келип көрбөсө экен деп кыпылдап отурганда сырттан машинанын үнү угулду. Бекзат Акинайды ички бөлмөсүнө көтөрүп кирип жаткыра коюп кайра чыга калып баласын колуна алып ички бөлмөнүн эшигин жаап туруп калды. Орозбай кирип келип эле:

- Акинай кайда кеткен? - деди.

- Аа-а, ал-ал базарга кетти эле...

- Эмнеге, машинаңар туруп базарга жөө барасыңарбы?

- Акинай өзү болбой кеткен, баланы карап отуруп тур, жумуштарым бар дейби...

- Мейли, силерден кабар алайын деп эле келе калгам, анда мен кайтайын, - Орозбек небересинин ууртунан өөп коюп чыгып кетти.

Бекзат кошо чыгып узатып кайра кирип "Өх" деп эс ала түштү. Үйдөн чыкпай Акинайды карап, жалаяк жууп, тамак жасап жаны тынбай кыйналып кетти. Үч-төрт күн ал үчүн үч жылдай сезилип Акинайды эптеп эле сакайып кетип өзү чечсин деген ойдо болду. Аделяны кез-кез эстеп ичи ачышып, бирок ортодо болуп өткөн жагымсыз окуяны ойлоп өзүнчө тобо кылып алды: "Аз болгондо өлтүрүп алмак экемин" деп ойлоп бүткөн бою дүр этип алды: "Кудай бир сактады".

Бир жумадан кийин Акинай ордунан туруп эптеп басып калган, бети менен көзүнүн тегерегиндеги көгөргөнү кете электе Шайымкүл келип калды. Бекзат баласын алып отурган. Кирип келип эле төшөктө жаткан кызынын жүзүн көрүп чоочуп кетти:

- Каран гү-үн, эмне болуп кетти? - Жанына отура калды, - Курган кызым ай, садага болоюн ай, тил албай сүйүү деп жүрүп бирди көрөсүң го? - Ыйлап чачынан сылап бетинен өөп жатты, - Бул эмне кылганың Бекзат, өлтүрүп койо жаздагансың го?

- Апа, - Акинай үнүн акырын чыгара Шайымкүлдү карады, - Апа, мени ал урган жок, өзүм жыгылып алдым!

- Калп айтпа, - Шайымкүл ага ишенбей булкулдап атты.

Бекзат Акинайдын сөзүн угуп ого бетер уялды, ага боору ооруду: "Байкуш, көр оозунан кайтса да мени калкалап атат" деп башын жерге салып үнсүз отура берди. Шайымкүл сыртка чыгып кетип кечинде Орозбайды ээрчитип келди да, кызынын абалын төкпөй-чачпай айтып берди. Орозбайдын ошол кезде машинасы бузулуп ремонтто болчу, эртеси тачка алып келип кызынын өздөрү берген бир аз жүктөрүн салып алып кетти. Бекзатка эч нерсе деген жок.

Акинайды ооруканага жаткырып, ал бир ай дегенде зорго жакшы болуп чыкты. Бекзатты күнү-түнү ойлонуп атты, бирок эми ата-энеси уруксат бербесин жакшы билет. Уулу талпынып "апа, апа" деп калган.

Орозбайдын эки баласы жаңы үй көтөрүп жатышкан. Бир күнү Орозбай алардын ал-жайын билейин деп келсе Бекзат аерде жүрөт.

- Сен кайдан?

- Жардам берейин деп эле... - башын жерге салды.

- Эмне иш кылганыңды билесиңби? Ал сенин урганыңды жашырып койбогондо азыр кайда отураарыңды билесиңби? - Орозбай жини келе аны карады.

- Билем, кечирип коюңуз...

- Кечирип кой деп, ал сага эмне таш жүрөкпү ыя? Ал адам, болгондо да назик жүрөк пенде!

- Кечирип коюңуз...

- Балаңар турат, ата-энең сендей акмак баласынын күнөөсү бар экенин билип, көрүп койгонго да жарабады, кайсы бетиң менен келип калдың биерге?

- Кечирим сураганы келдим, - Бекзат өлүмүш болуп нымтырап тура берди.

- Акмак, кандай гана жүрөгүм ооруганын билесиңби, сени Акинайдай кылып сабасам кантээр элең?

- Мейли ата, уруңуз, сабаңыз, эмнеси болсо да балам менен Акинайдан ажыратпаңыз!

- Сени Акинай кабыл алат деп ойлоп турасыңбы?

- Билем, ал мени кечирет!

- Ой тобо-о! - Орозбай башын чайкап жылмайып койду, ал азыр күйөө баласына таң калып турду, аргасыз күлдү, - Ой деги сенин бетиң барбы? - Маңдайына келип заматта ачуусу келип бир койгусу келди.

- Өлтүрсөңүз да кетпейм!

- Мейли, - Орозбай алакан жая кайра ары басып балдарынын ишин карап бир аз туруп анан кетип калды.

Бекзат кечке жардам берип, кечинде Акинайдын үйүнө барды. Шайымкүл жаңы эле кетип, ал өзү жалгыз отурган болчу. Каалга тык-тык эткенде укпагандай унчукпады. Экинчи үчүнчү такылдаганда:

- Ким? - деди ал отурган ички бөлмөсүнөн. Кээде иниси Бектур келип калчу, анткени азыр үй салып жаткан жерге чатыр тигип алып ошол жерге жатып атышкан. Акинай жүрөгү сезгендей бир аз козголбой: "Бекзат окшойт, эмне кылсам, апам дагы урушат" деп ойлонгуча тыкылдак көбөйө:

- Акинай, мен элемин, ачсаң! - деген Бекзаттын үнү угулду, - Ач Акинай, ач!

- Эмнеге келдиң Бекзат, үйдө апам бар.

- Мейли болсо, ачып кой!

- Жөн кетип калчы, Бекзат!

- Мен эч жакка кетпейм, ачып койсоң Акинай! - деп кыйкырып ийип чоочуп кетти, анткени эшикти ачып маңдайында Акинай турган.

- Келипсиң, айтаарыңды айт да жолуңа түш!

- Акинай, кечир мени, кечирчи, уулумду көрүп сенин акыбалыңды көрөйүн деп келдим. Сагындым силерди! - Бекзат аны кучактамак болду.

Акинай аны босогодон өткөрбөй көкүрөккө түрттү. Бекзат болбой эле үйгө кирип келди, төрдө уктап жаткан уулун отура калып өөп колуна алды. Акинай үнсүз карап жүрөгү туз куйгандай ачышып, урушкан күнүн эстеди: "сен эмнеге көрүнчүдөй болуп артымдан калбайсың?! Көргүм келбейт сени, кетсең кетип калчы!" деген сөздөр кулагына жаңырып атты, мелтиреп үнсүз тиктеп өзүн тик карай албаган Бекзатты жек көрүп турду, бир эле жүрөгүндө аны сүйөөрүнө зээни кейип турду.

***

Азимкандын бир уул, бир кызы бар, аялы Күмүш экөө кырк жыл жашап "сен-мен" дешпеген жандар. Баласы Имаратты мектепти бүтөөрү менен эле тапкан ташыганын көтөрүп жүрүп окутуп койгон. Ал борбордо чоң врач, балдары чоңоюп калды, аялы Бермет да ыймандуу, келгенде жоолугун башына сала коюп кайненеси Күмүшкө жумуш жасатпай жыргатып койот. Алар бир жолу келгенде Азимкан уулуна:

- Балам, апаң экөөбүз тең карып калдык, неберелерибиздин бирин таштап кетсеңер боло, - деди.

- Ата-а, туура түшүнгүлө, балдар чоңойду, окуп-чокуш керек, биерде жүргөндө орусча билбей калат, мен жаңы барганда кандай кыйналдым.

- Ээ мейли балам, жок дегенде кичинекейиңерди берсеңер боло, эрмек кылалы.

- Алар бакчага барат... - Имарат нымтырай аялына карады, - Силер кыйналып каласыңар го?

- Эмнеге кыйналмак элек? Апаң экөөбүз да небере жетелеп мындай-мындай басып ырахаттансак болот эле го, эч кимиси жоктой соксоюп отурабыз... - Азимкан уулуна нааразы боло сакалын сылай оор улутунду.

- Имарат, атамдардын шагын сындырбай Нурини берип кетели, бириси карапайым болсо эч нерсе болбойт, - Бермет Имаратты карады.

- Эмне-е?! Мен балдарымдын баарын билимдүү, илимдүү кылсам деп жүрсө сен бирин тупой боло берсин дейсиңби?

- Эмне болмок эле, карылардын көңүлүн калтырбай таштап койолу, - Бермет ушинткенде Азимкан уул-келинин урушуп кетпесин дегендей жайкай сүйлөдү:

- Койгула балдарым, мейли өзүңөр менен өзүңөр болгула, кудайга шүгүр неберелүү болдук, аман болсоңор болду, - оор күрсүнө ордунан туруп сыртка чыгып кетти.

Күмүш ал чыгып кеткенден кийин:

- Атаңдын айтканы да туура, коңшулар неберелерин алып эки жакка ээрчитип алса ал да ичинен сызат экен. Жалгыз бала болсоң, окутуп-чокутуп койолу деп шаарга кетирип ийсек минтип балаңарды бизден аяп атсаңар кейийт да, - деди.

- Апа, бизди түшүнсөңөр боло?

- Имарат, сен түшүнбөй жатасың атамдарды, жок дегенде каникулда таштап кетели...

- Макул, окуу башталганча Нури жүрүп кетсин, - Имарат аргасыз макулдугун берди.

Эртеси жетидеги баласы Нурини калтырып кетип жатып аялына карады:

- Атамдар аны оюндагыдай койо берип ээн баш өсүп калабы деп ойлоп жатам.

- Сени деле оюң менен болуп чоңойтту, кана сен ээнбаш болуп чоңойгонуң, алар жаман болсун демек беле?

- Азыркы балдарды түшүнбөйсүң, - Экөө көпкө кер-мур айтышып жатып анан унчукпай калышты.

Имарат хирург, болгондо да өз ишинин устаты, кадыр-барктуу. Өзү менен иштегендердин ичинен айырмаланып иштеген иши менен көрүнүктүү. Бир күнү өзү иштеген бөлүмгө санитарка кыз келип калды. Ары басса да, бери басса да эсинен чыкпай жандүйнөсүндө бир башкача сезим туйлап жатты. Асылбү да атайын жасап жаткандай анын алдынан чыга калып, жазып жатса бөлмөсүн жууганы кирип келет. Ал келээри менен кылган иши будуң-чаң болуп өзүн кармай албай баратты.

- Асылбү, - деди бир күнү, - Жумуш бүткөндөн кийин жууп жүр, тоскоол болуп жатасың!

- Макул агай, - Асылбү унчукпай чыгып кетти.

Ошондон кийин аны көргөнгө зар болду. Аргасыз өзү бир күнү:

- Эмнеге бөлмөнүн терезелерин тазараак сүрүп койбодуң, кирип барып тазалап чык! - деп басып кетти. Асылбү кирип терезени, столдун үстүн сүрүп жатканда Имарат кирип кабинетинин терезесин ачып:

- Гүлдөргө суу куйганды унутпа, - деди да ордуна отуруп кагаздарын карап жатып көзүнүн кыйыгы менен аны карап отура берди. Капкара чачын артына түйүп алып, иймейген каштарын өйдө ылдый кылып чекесин улам сүртүп ишин жасап жатты. Иш столдун үстүндөгү ручка салган идишти алып анын алдын сүртмөк болуп колун сунганда Имарат ручка алганы келатып анын колун кармап алып чоочуп кетти, бүткөн боюн калтырак басып:

- Бара бер, күндө бир маал тазалап тур! - деп, жандүйнөсү дүрбөлөңгө түшүп, эмне кылаарын билбей башын мыкчып отуруп калды.

Ошол кезде оорулууну алып келишип аны тезинен операция жасабаса ичегиси жараланып кетерин айтты медсестра.

- Даярдай бергиле, азыр барам!

- Макул, - Медсестра чыгып кетти.

Имарат туруп операционныйга жөнөдү. Оорулуу жаш жигит экен. Аны көргөндө Асылбү жолдон:

- Имарат Касымович, сактап калыңыз, бул менин күйөөм, жардам кылыңыз! - деп босогодон бышактаганда:

- Ыя? - деп алды Имарат.

- Менин күйөөмдү сактап калыңыз!

- Көрөбүз, дартына жараша, - деп ийгенин өзү да билбей калды, адатта мындай жардам сурагандарга: "эч кабатыр болбогула, биздин колдон келээр нерсе болсо эле алып салабыз" дечү, азыр негедир эмне деп сүйлөгөнүн да байкабай калды. Ыйлап эки сааттай турду Асылбү, качан гана Имарат тердеп тепчип чыга калганда:

- Имарат Касымович, кандай өттү операция, абалы жакшыбы? - деди ага жалдырай.

- Үмүт аз... - деп басып кетти.

Асылбү ыйлап палатага алып кирбей реанимацияга алып киришкенде артынан кошо жүгүрүп кирди:

- Эдил, Эди-ил!

- Акырын, ал эсине келе элек, жанында бол, тийбе! - деп аны медсестра калтырып чыгып кетти.

Колдорунда сайылган ийнелерди карап жанында көз жашын төгүп турган анын абалы өтө оор эле. Жаңы гана үйлөнүшкөн. Ата-энеси жок, ага-жеңеси бар. Алар келгенде киргизбей коюшту.

Асылбү өзү чыгып ыйлагандан башка эчтеке айталбады.

- Айтчы, Эдилдин абалы жакшы элеби? - Абысыны аны карыдан ала жулкулдатты.

- Билбейм, али эсине келе элек, наркоздон чыга элек окшойт...

- Ай кудай ай, жакшы болуп эле кетсе экен, - Абысыны Рита аны кучактап алып ыйлап атты.

- Болду ыйлабагыла, ушунча доктурлар жүрбөйбү, кантип анан алып калбасын, - Керим аялы менен келинин тыйды, - Жаман жорукту баштабагыла!

Алардын сөздөрүн ары жактан келаткан Имарат укту. Жүрөгү бир нерсени сезгендей оорулуунун палатасына кирип тамырын кармап көрдү, араң эле кармап турат, алсыз. "Эгер бүгүн аман калса жашап кетет, өтө өтүшүп кетиптир" деп ойлоп алардын жанына келди.

- Өтө өтүшүп кеткен, ичегилери ириңдеп кетиптир, колдон келген аракетибизди жасадык, жашырганда эмне, бүгүндөн калса жашап кетет, - деди алакан жая.

- Доктор, жардам бериңиз, жалгыз иним. Бизде ата-эне да жок, экөөбүз эле... - Керим анын кабинетине чейин кошо кирип келип, - Эч нерсемди аябайм иним үчүн, жакшылап карап бериңиз, - деп алдына акча койду.

- Бул эмнеңиз, адам өмүрү кылдын учунда турса акча сунуштаганыңыз кандай?

- Дары дармек үчүн, тууган, жалгыз инимдин жанын аман алып калыңыз!

- Жок-жок, биз кудай эмеспиз, жөн гана оору менен ажалдын ортосундагы дабагербиз, болгонун жасап жатабыз, азыр дагы коюлуп атат, биздин дагы оорулууну айыктырсак жүзүбүз жарык болот, ар бир оорулуу үчүн кыйналабыз, - Имарат ага түшүндүрүүгө аракет кылып жандалбастап жатты.

Күнү-түнү эчтеке ичпей тикийип отурганда Асылбүнүн көзү илинип кетти, түш көрдү, түшүндө бир тоонун этегинде жүрүптүр. Эдилдин колун кармамак болуп улам жетип барса эле ортосунда Имарат тура калып ал алыстап кетет, аны түртүп эми жетээрде Эдилди бир ак көйнөкчөн аял пайда болуп: "балам, мынча эмнеге кыйналдың, жүрү кеттик, биякта сага эчтеке калган жок, атаң күтүп жатпайбы" деп жетелеп алып кетип калды. Асылбү чоочуп ойгонуп, Эдилди караса дем алуусу начарлап демигип жаткан экен, сестраны чакырып келди. Ал уколдорду берди эле кайра артка кетип кабыл албай койду, тамырына да кетпей калды. Сестра жүгүрүп чыгып күзөттөгү врачын чакырып келди. Ал көрүп эле башын чайкады:

- Арга жок, дарыны кабыл албай калды, демек эчтеке кылалбайбыз, - деп тамырга сайылган ийнелерди алып, бетин жаап салганда Асылбү ачуу чаңырып алды.

- Жо-ок, Эдил, мени таштаба, мени таштай көрбө!

- Акырын, оорулуулар уктап жатат, чыгып коридордон туугандарыңды күт же телефон чал, - Күзөттөгү врач Асылбүнү ийинден ала өйдө кылып палатадан алып чыкты, - Эмне кылабыз, колубуздан эчтеке келбейт, биз баарыбыз кудайдын колундабыз.

Ал аны тынчтандырып коюп кабинетине кетип калды, коридордо ыйлап отура берди. Аңгыча таң атып врачтар, күндүзгү сестралар өз ордуна келе баштаганда Имарат кирип келатып Асылбүнүн ыйлап отурганын көрдү да:

- Эмнеге ыйлап атасың? - деп изоляторду көздөй жөнөгөндө Асылбү:

- Ал эми жок, менин Эдилим жок! - деп кыйкырып ийгенде Имарат делдейе туруп калды.

Ал ушуну билген, эмнеси болсо да бир көрөйүн деген, бирок аны моргго чыгарууга даярдап коюшкан эле. Аңгыча Керимдер келип калды. Эдилдин сөөгүн түштөн кийин алып кетишти. Имарат: "Бүттү, баары бүттү, эми аны көрө албайм, келбейт дагы" деп жаман абалга келди. Жандүйнөсү эңшерилип жүрөгү сыздап атты. Эч нерсеге көңүлү келбей жумушунан ооруп жатам деп отпуска сурап алып үйбүлөсүнө алаксыгысы келди. Ал келгенде Бермет аны-таң кала карап жанына жетти:

- Эмнеге жумушуңдан баса бердиң?

- Жөн эле чарчадым, балдарды алып айылга барып жүрүп келеличи, - деди аны араң зорго жылмайып карап.

- Макул, а менин жумушум кандай болот?

- Сен бүгүн бар дагы отпуска сура!

- Имарат, мен эки ай мурун эле отпуска албадым беле, эми болбойт да?

- Анда бир жумага зарыл иштерим чыгып калды деп суран!

- Мм, мейли, сурап көрөйүн... - Бермет күйөөсүнүн абалынын оордугун, бир нерсеге кыйналып жатканын түшүндү, сурабады, шашылыш кийинип чыкты дагы жумушунан суранып кайра келди.

Балдарын алып ошол эле күнү айылга жөнөп кетишти. Алардын көпкө келгени ата-энесине абдан жакты. Күмүш ооруп жүргөн, неберелерин көрүп кубаттана түштү, балдары менен ырахаттана тамактанып, алардын күлкүсүн угуп бакытка магдырап турду. Араң басып жүрсө да неберелерин ээрчитип короодон чыгып эки жакка басып ойнотуп оңуп эле калды. Азимкан андан бетер бакылдап:

- Ойла-анайындар, силер келип үйүбүз толуп калбадыбы, апаңар да ооруп атты эле, силердин демиңер менен ооруганын сезбей калды, - деп кубанып чоңураак неберелерин ээрчитип бак ичинде жүрдү, - Мына, булардын баары силердики, чоң энең экөөбүз карыдык, арыдык, - деп короо ичиндеги түркүн жемиштерден быша элек болсо да үзүп берип атты.

Имарат бир аз да болсо алаксыгандай болду. Бермет көпкө жүрө албады, жумуш күнү келип калганына байланыштуу шаарга жөнөп кетти. Күмүш жакшы болуп калгансыган менен кайра төшөккө жатып калды. Имарат дары-дармек берип, укол сайып караганга болбой бир күнү тилден калды, үч күн жатып анан кете берди. Бермет келип эки жагын карап атты. Жылгыз кызы Рахат үйдөн, Имарат сырттан ыйлап апасын жоктоп жатышты. Сөөк чыгаарда молдо ага:

- Сен жалгыз баласысың, эл алдында милдетиңден кутул, - деди.

Ошондо Имарат элди карап:

- Апам кандай киши эле? - деди.

- Оо Күмүш жакшы аял эле.

- Жакшы аял эле, - дешти толкуган эл. Алардын арасында Имараттын иштешкендери, алар менен келген достору бар.

- Апамдын кимде карызы бар, болсо мен төлөйм, айтыңыздар!

- Жо-ок!

- Кары жок!

- Аласасы болсо кечтик! - деп элди айланта караганда баары жым болуп калды.

Ошентип акыркы зыйнатын кылып жайына коюшту. Бул элдин ичинде Асылбүнүн апасынын жүргөнүн Имарат билбеди, ал эки көчө кийин жашаган Кулманбеттин кызы болчу. Апасы Күмүшкө эки миң карыз эле, ошону айта албай койду. Асылбү жалгыз эле кызы, жакында күйөөсү өлгөн кызына кийит алып барам деп алган эле, көп элдин ичинде алган карызын айта албай кетти.

Имараттын ички арман, өксүгүнө апасынын күйүтү кошулуп ого бетер түнөрүп калды. Атасынын жалгыз калышы анын жүрөгүн өйүтүп "айылга келсемби?" деп да ойлонуп кетти. Бирок Бермет айылга келгенде жумушу жок калабы деген ойдо:

- Бермет, атам жалгыз калды, биякка келбесек болбойт го? - деди, - Мен ата-энемдин өлүп калаарын эч бир ойлогон эмес экемин, - Шуу үшкүрүп көз жашын аарчып алды.

- Имарат, сенин диссертацияң эмне болот? Атама караан кылып Эмирди коюп койобуз, ал Нуриден чоңураак, атама карап турат.

- Ал эркек бала, кирин жууп, тамак жасай албайт да, Бермет. Мен үчүн булар мага канча эмгек кылды, мен эчтеке кыла элекмин булар үчүн.

- Анда сен кал, мен шаарда эле болоюн, балдар мени менен болот, барып келип турат да?

- Ошондой кантип болсун, экөөбүз эки жакта, андан көрө ажырашып алган артык эмеспи! - Имарат жиндене ордунан турду.

Экөө көпкө чейин кужулдашып чече алышпады, баарын угуп тышкы бөлмөдө отурган Азимкан келип:

- Балдарым, мени кудай алмак беле, мен үчүн эки жакка бөлүнбөй жылуу очогуңарга бара бергиле, - деди.

- Жалгыз... - деп келаткан уулун ата сүйлөтпөдү.

- Мен өлбөйм, үйбүлөң менен чогуу бол! - деп коюп кайра чыгып кетти.

Экөө эки жерде селдейе туруп калды. Кырк ашын өткөргүчө айылда калышып, анан Эмир менен Нурини таштап кетүүгө аргасыз болушту. Бирок жубайлардын ортосу акырындап сууп баратты. Улуусу Карина он бешке чыгып калган, үч эркектен улуу. Ал өтө эрке, басам деген жагына басып, кийем дегенин кийет. Бир күнү Имарат дагы аялына:

- Эркек баладан көрө айылга Каринаны таштап коюш керек эле, чоңоюп калбадыбы, атамды жакшы карамак, - деди.

- Кызыксың, кыз баланы аерге таштаганда кандай болот?

- Кандай болмок эле, атасы туулуп өскөн жер, чоочун эмес, - Аялын үтүрөңдөй карады, - Эмне эле өзүңчө кыйын болуп атасың? Айт анда ачыгыңды, атамды кароосуз өлтүрүп алгым келбейт!

- Ийи, эми ойлодуңбу? Апаңды деле ойлонсоң балким өлбөйт эле, сени ойлонуп жүрүп эле ооруга чалдыкты, - Бермет ордунан булкуна турду, - Андай болсо өзүң бак!

Имарат токтоно албай ачуулана кыйкырып жиберди:

- Ошондо да сен кылгансың, аларга жакшы көрүнүп, мага бирди сүйлөп, балдар тупой болуп өсүп калат деп!

Акыры Бермет экөө катуу урушуп калды. Имарат эми биротоло жумушунан чыгып, айылга кетип калды. Бермет ызаланып ыйлап, кызы менен кичүү баласын алып үч бөлмөлүү үйүндө кала берди.

Азимкан неберелери менен бак ичинде чарпаяда отурушкан. Имарат эки сумка көтөрүп келип атасы менен учурашып, бет аарчы менен терин аарчый отуруп калды.

- Ата кыйналган жоксузбу?

- Жо-ок балам, мынабу жамандар менен жыргап эле отурам, апаң байкушка жаман болду, "неберелерим менен отурсам кандай жакшы, ээрчитип айылга барсам" деп кыйын ойлонот эле...

- Ата, кечирип кой мени, мен апамды өлөт деп ойлобопмун...

- Ээ балам, өлбөгөн жан болбойт, мен дагы бир күнү силерден кетем, чын дүйнөгө өтөм...

Ата бала үндөбөй отуруп калганда короонун оозунан Асылбү апасы Мистекан экөө эки жакты абайлай кирип келе жатканын көрүп Имарат тура калды. Тигилер жетип келип эле:

- Ата, бизди кечирип коюңуз, апам кемпириңизден эки миң сом карыз алган экен, ошону алып келдик… - деп Азимканды карай колундагы акчаны сунду.

- Ээ балам а-ай, акча эмес азыр кемпиримди таппай калдым, аласасын уулум элдин көзүнчө кечкенин айткан.

- Жок-жок, мен болбой алып келдим, а кишинин арбагы ыраазы болсун, - Асылбү Имаратка карады, - Сиз?…

- Ооба мен… - Ал күлүп койду.

Асылбү да күлдү.

- Сиз биздин айылдык экениңизди уккан эмес экемин, апаңыздын арты кайырлуу болсун, куран окуп коюңузчу, - деп Азимканды карады.

- Өтүңүздөр өйдө, - Имарат аларды өйдө өткөрүп өзү кырына отурду, Азимкан куран окуп бата кылгандан кийин Имарат аларга карады, - Апамдын жаткан жери жайлуу болсун, биз аласасын кечтик, убара болбоңуздар.

- Ошо кантип болсун, өзүңүз билесиз, күйөөм өлгөндөн кийин кыркына чейин отурдум, анан апам алып келген, угуп алып... Кудай ыраазы болсун! - деди.

- Эчтеке эмес, баары боло берет, силер кайда турасыңар, кимдин...

- Билет болушуң керек уулум, бул Кулманбеттин аялы, жакшы киши эле, жалгыз кызы ушул, - Азимкан уулуна аларды тааныштырып отурду.

- Билем-билем, - Имарат ыңгайсыздана кетти.

Алар кеткенден кийин ойлонуп калды: "Кандай кылып жолуксам экен, айылдын эли жаман болчу эле" деп ойлоп атты. Келгенине эки-үч күн болсо да кетпей жүргөн уулуна ата таң калды,

- Жумушуң калды го, уулум? - деди анан.

- Ата, мен биякка биротоло келдим, айылга деле хирург керек чыгаар, иштеп алам.

- Келинчи?

- Ал келбейт, мен сизди өзүм карайм.

- Эмнеге папа, почему мама не приедет?

Эмир атасына суроолуу карады, он үчтөгү бала турмуштун ачуу-таттуусун кайдан түшүнсүн. Унчукпай ары басып кетмек болуп үндөбөгөн атасынан тажагандай басып кетти. Аларды көрүп Азимкан ичинен күрсүнүп алды.

Имарат бир күнү айылдык ооруканага барып башкы врачтын маңдайында отурду.

- Да-да-а, сендей өз ишин мыкты билген хирург бизге абдан керек, эртеңден баштап иштей берсең болот, - деди Жусуп Абдраимович.

- Жарайт, сизге ырахмат, Жусуп Абдраимович, - Имарат акырын чыгып кетти.

Имарат иштеп калды, эси дарты Асылбүдө. Ага кантип жолугуунун амалын таппай кыжаалат болуп аялын түк ойлогусу келбеди. Ошол арада Асылбүнүн ооруканага кирип келатканын терезеден көргөн Имарат ордунан тура калды, бирок ага эмне деп жолугаарын билбей кабинетинде отура берди. Эки көзү терезеден арткы сыртта. Асылбү көптөп кийин гана чыгып баратты. Ал жумуш издеп жүргөн эле. Башкы врач ага жумуш жогун айтып жөнөткөн.

Ошол күнү жумушунан кечирээк чыккан Имарат үйүн карай жай басып келатса жолдон окчунураак жерде бирөөнүн чаңырган үнү чыгып жардам сурап жатканын угуп жүгүрүп барса эки бала бир кызды басып алып тепкилеп, кыйкырганына карабай киймин чечкени жатыптыр. Имарат аларды эки жакка алып ыргытып, жаткан кызды тургузуп ары коюп койду да:

- Уятсыздар десе, бул кылыгыңар үчүн жооп бересиңер, кана бери келгиле! - деди эле экөө ары карай качып кетти.

- Рахмат сизге, - дегенде үнүнөн тааный койду.

- Асылбү, сенсиңби?

- Сизби агай... - Экөө тең караңгыда бири-бири-бирин таанып экөө тең күлүп жиберди.

- Караңгыда чыкпай жүрбөйсүңбү, мындайлар азыр көп, - Имарат аны караңгыдан пайдаланып колтуктап алды, - кайсы жылы бүткөнсүң?

- Жашымды сураганыңыз го?

- Ооба, жыйырма төрттөсүң го дейм?

- Кантип билип алдыңыз?

- Айтып берчүм бар.

- Жакшы экен... - Экөө бир азга үнсүз болуп калышты.

- Асылбү, алиге чейин сенин күйөөңдү сактай албай калганым үчүн өзүмдү күнөөлүү сезип жүрөм.

- Эмне үчүн, ал өз ажалынан кетти да.

- Жок, балким сени тааныганым үчүнбү, айтор сенден кечирим сурамакчы болуп таппай жүрдүм эле.

- Кечирим сураганда не, өттү кетти...

- Ошентсе да, кечирээк алып барыпсыңар, кайда иштечү эле?

- Базарда...

- Соода кылчу беле?

- Жок, тачка түртчү.

- Ошондой, өзүнө караган эмес, ичегилеринин баарын жара басып кетиптир.

- Мейли анда, жакшы барыңыз, мен барайын, - Асылбү жөнөй бермек болуп кайра бурулду, - Сизге абдан чоң рахмат!

- Эчтеке эмес. Асылбү, бир азга токтой турчу, айта турган сөз бар...

- Айта бериңиз, апам күтүп калды, мен кетишим керек.

- Жолугушуп турбайлыбы?

- Сиз мененби, аялыңыз эмне дейт?

- Эми-и, аны ойлобой эле суроомо жооп берчи, Асылбү.

- Жолуккандагы максатыбыз жөнүндө билсем болобу?

- Билесиңби Асылбү, мен сени көргөндөн бери өзүмдү башка дүйнөгө кабылгандай сезип жүрөм.

- Эркектердин дежур сөздөрүнүн бири го?

- Андай эмес, азыр аялымдан кетип калгам, бул жерге ишке орноштум.

- Сизби?

- Ооба.

- Жакшы болуптур, бирок үйбүлөңүздөн кеткениңиз жакшы эмес.

- Айла жок, жүрөк иши көңүл ишин жеңет тура.

- Ал го туура, балдарыңыз чоңоюп калган да?

- Чоңоюп калды, аялымды капысынан эле жолугуп калып үйлөнүүгө туура келген...

Имарат он беш, он алты жыл мурун студент кездеги болуп өткөн окуяны Асылбүгө айтып жатты...

Имарат акыркы курста окучу. Курсташтары менен шаардын четиндеги ээн жерге майрамдап чыгышкан. Бермет өздөрү менен курсташ эле. Кечке ырдап, бийлеп, куушуп ойноп, кечинде отту чоң жагып алып кечени улантышты. Аз-аздап ичилген вино, арактарга мас да болуп калышкан. Анда ал таптакыр кыз сүйүп көрө элек болчу. Катуу уктап калган экен, ойгонуп кетсе Бермет жанында ыйлап жатыптыр.

- Сага эмне болду Бермет, калган балдар кайда? - деди Имарат тура калып.

- Сен, сен мени... - Эчкирип жиберди.

- Эмне?! - Имарат ага ишене бербей карады.

- Сен... - Бермет болбой эле ыйлай берди.

- Мүмкүн эмес, андай жомогуңду башкага айт!

Ордунан туруп басып кетмек болгондо:

- Мен муну менен калбайм, деканга кирем, - деди Бермет.

- Кирсең кире бер, сага ким ишенет? - деп алып кайра ойлонду, анткени деканы баш болуп баары ага жакшы карачу, "Сенден үмүтүбүз чоң" деп мактап турчу, - Эй кыз, сен соосуңбу, сен эмне менин жаныма келдиң?

- Келсе болбойт бекен, бирге окуйбуз, теңтушпуз деп отурса сен мага асылдың!

- Оюңду башкага айт, имерип алам деп эч качан ойлобо! - Имарат туруп атканда арытан студенттер келип калды:

- Ой-оой сүйүшкөндөр, али да ойгоно элек го?

- Кайдагы сүйүшкөн, силер мени эмнеге мазактап жатасыңар? - Имарат аларга жини келип карады.

- Имарат, кызыксың го, өзүң бизди кууп, "менин сүйгөнүм экөөбүзгө жолтоо болбогула!" деп уруштуң го?

- Сен антпесең биз да кетпейт болчубуз, - дегенде Имараттын жини келип кетти.

- Калп айтпагыла, атайын уюштурдуңарбы? Мен качан Берметти сүйчү элем, экөөбүз качан кыз-жигит элек?

- Кайдан билебиз? - Ийиндерин куушуруп туруп калышты.

- Менин күнөөм жок, эмне кылсаңар ошо кылгыла! - Имарат колун шилтей басып кетти.

Студенттер унчукпай Берметти карады. Ал баш көтөрбөй отура берди. Аны курбусу Сажира келип өйдө кылды:

- Жүрү кеттик! - Баары үнсүз томсоруп жолго чыгышты.

Эки күндөн кийин милиция келди. Аргасыз ага үйлөнүүгө туура келди. Арадан бир жылдай убакыт өтүп Берметтин боюнда барында анын курбусу Сажира Имаратка жолдон жолугуп калды:

- Имарат, кандайсың, иштер жакшыбы?

- Жакшы, өзүң кандай?

- Жүрөм. Имарат, сен Берметтин торуна илингениңди али билбей элесиңби?

- Эмне, анын кандай тору бар эле?

- Ой, мен эмне деп эле жатам, убагында айтууга жетише албай айылга шашылыш кетип калбадымбы! Бермет сени сүйүп калып эле атайын ошенткен, ал сырын экөөбүз гана билчүбүз, ал мурда күйөөгө тийип чыккан, анысын айтпай эптеп күйөөгө тийиш керек болгон.

- А сен ошонун баарын билип-көрүп туруп эмнеге ошондо айткан жоксуң? Эми мени мазактаганыңбы, же бизди ажыраткың келип атабы? - Имарат ачуулана ага катуу сүйлөдү, - Эми мени эч ким эчтеке кылалбайт, мен аны сүйбөсөм да ичинде менин балам бар, ошону сүйөм! - деп басып кетти.

- Имарат, кечир! - деген бойдон Сажира турган жеринде кала берди.

Имарат үйүнө келип алып Берметти карап көпкө отурду. Ал анын жүзү кубарып турганын көрүп үндөбөй өз иши менен алек болуп атты. Бир кезде төрөйүн деп калган келинчегинин артынан келип кучактап:

- Бермет, мурун күйөөгө тийгениңди ачык эле айтсаң болмок, - дегенде ал чоочуп кетти.

- Эмне?

- Чоочубай эле кой, мен баарын билем. Сажира экөөң ошончонун ичинен мени тандаганыңарга тобо! - Имарат аялын койо берип ары басты, - Драманы жакшы коюпсуңар, азамат экенсиңер!

- Эмне деп эле атасың, Имарат? - Бермет күйөөсүн үрпөйө карады, - мени эзбей ачыгын айтчы?

- Эзилип кеттиңби? А менин эзилгеним, канчалык студенттердин көзүнчө уят болгонум сен үчүн мааниге ээ эмеспи?

- Имарат!

- Болду, эртеңден ары каалаган жагыңа кете бер, акыры бир күнү билинет деп ойлодуңбу, же бул көк мээ укпайт дедиңби, түбөлүк ушул күнөөм үчүн азап тартып жүрбөйүн деп ойлогон жоксуңбу?

Имарат кызуулана аялынын ары жак, бери жагына өтүп сүйлөй берди. Бермет унчукпай ыйлап атты. Имарат аны чаап, уруп ийгиси келди, бирок аяды, колу барбады. Көптөн кийин баарын айтып бүтүп, көңүлү калгандай отуруп калды. Көпкө чейин сүйлөшпөй жүрдү. Улуу кызы Карина төрөлгөндө гана кайра сүйлөшүштү, анткени Азимкан менен Күмүш небересин көрөбүз деп келип калышты.

- Кана неберемди көрсөткүлөчү, айла-анайын, - Азимкан көбүрүп жабырып сүйлөп жатты. Бир козу сойуп, карын май, чанач сүзмө кылып алып келип Күмүш экөө наристени алмак-салмак алып жыттап кубанып жатышты.

- Берчи мага, кагылайыным десе, айланайын жаңы көзүм, - Күмүш ого бетер айланып тегеренип жетине албай отурду, - Бермет айланайын, жылуу отур, төрөгөн аял жакшы тыңыбаса оорукчан болуп калат.

- Эчтеке болбойт, оор жумуш деле жок, - Имарат апасын карады, - Баласынын жалаягын жуугандан башка эмне иш бар дейсиңер?

- Кой балам, жаш төрөгөн аял этият болбосо болбойт, каралашып тур айланайын.

- Апа өзүм эле жасайм, - Бермет күлүп койду, - Ушу тырмактай кызды кантип карай албай калайын.

- Айланайындар, ынтымактуу болсоңор эле болду, - Эне уул-келинине ыраазы болуп ак батасын берип атты. Алар үч күн туруп анан кетишти.

Имарат аялына ичи муздаган менен кызынын көңүлү үчүн унчукпай жашай берди. Ошентип жүрүп акыры өз сүйүүсүнө жолукканын сездиби же сезбедиби, ойго батып ага көңүл бөлүп койбой айылга баса берген эле...

- Ушул менин тагдырым, сен мени туура түшүн Асылбү, сөзсүз аялымдан ажырашып сага үйлөнөм, - Имарат аны коомай кучактады, - мен сени эми таппай калдым го деп ойлогон элем, кудай бизди жолуктуруп олтурат, балким биздин тагдырыбыз биргедир...

- Билбейм, ойлонуп көрөлү, өзүбүздү ойлоп балдарды ойлобосок болбойт, балким алар туура эмес кабыл алаар?

- Балдар түшүнөт, азыр жаш, - Имарат аны бетинен аяр өөп койду, - Азыр эле эмес, жолугушуп туралы, мен аялым менен бүтүрөйүн.

- Маакул, мен сизди сыйлайм, адамдын денсоолугунун жарчысы катары, адам өмүрүнүн сакчысы катары, - Асылбү ойлуу анын кучагында телмирди.

- Азыр сени мен жеткирип койойун, - Имарат аны колтуктай басты.

Экөө катар басып кетип бара жатты, Асылбү да Имарат да алдында кандай тагдыр жатканын сезбеди. Имараттын жүрөгү жаш кезиндегидей өрөпкүп турду. Үйүнүн жанына жеткизип анан өзү жолго түштү. Бул өмүрдүн жыргалчылыгын бирөө жалаң сүйүү менен чектесе, бирөөлөр байлык менен, дагы бирөөлөр тынч өмүр сүрүп, бала чакалуу болуп жашап өтүүнү жыргалчылык бакыт деп эсептешет. Имарат дагы өмүрдөгү бир келген бактысын кармап калууну ойлоп ишти өзү эле бүтүрүүнү ойлонуп үйүнө келди. Жашоосунда бүгүнкүдөй бактылуу болуп көрбөгөндүр, жатып да, туруп да Асылбүнү ойлоп баарына кайыл болуп турду. Эртеси эле шаардагы үйүнө телефон чалды. Бермет үйдө экен, дароо ала койду:

- Ало, бул ким экен?

- Бермет, бул мен, Имарат.

- Аа-а сенби? Кандай, балдар жүрөбү, атам денсоолугу жакшы эле жүрөбү?

- Баары жайында. Бермет, мен сени менен ачык сүйлөшмөкмүн...

- Эмнени?

- Экөөбүз жөнүндө, экөөбүздүн жашообуз жөнүндө...

- Дагы эмнени ойлоп таба калдың?

- Ойлоп таппай эле ойлонуп бүттүм.

- Айта бер, кулагым сенде...

- Экөөбүз ажырашуубуз керек.

- Эмне-е? - Бермет чоочуп кеткенде колундагы трубка ыргып кете жаздады, - Кантип, Имарат?

- Сен мени алдап максатыңа жеткенсиң, мен ачык эле жетишим керек!

- Имарат, сен жакшылап ойлондуңбу? Балдарды… мени ойлобосоң дагы балдарды ойлонсоң боло?

- Баарын ойлонуп бүткөм, арыз жазып таштап кой, менин чечимимди кечирип, көтөрөсүң го деп ойлойм...

- Макул...

Берметтин ыйлап жатканын сезди, бирок ага боору оорубады: "Бир кезде мен да ушундай абалда калгам, ким түшүнүп койду эле? Аз өмүрдүн жарымын ойдогудай өткөрүү керек дегендей менин да акым бар, өзүм каалагандай жашоого" деп трубканы койду.

Жумушка жаңы киргендиктен шаарга барууга колу бошобой арадан ай өтүп кетти. Күндө Асылбү экөө бак түбүндө сүйлөшүп отуруп далай сөздөр сүйлөндү, ал дагы Имаратты жакшы көрүп баратты.

- Асылбү, асылым менин, мени мендей сүйө аласыңбы? - деди бир кечте аны алдына алып отуруп, - Мен сени берилип жаным менен сүйдүм, жандүйнөмдү сага арнадым, жүрөгүмдү сага арнадым, берекем!

- Мен дагы, мен дагы өз жүрөгүмдү алда качан сизге арнап койгом, мени азыр сизден өлүм гана ажыратпаса башкалар ажыратышы мүмкүн эмес!

Экөө көпкө өбүшүштү, ыссык өбүшүү, кумарлуу сезимдерге балкыган экөө түн бир оокумда бөлүнүштү. Уйкудан калып кайра эрте жумушка келген Имаратты башкы дарыгер чакырып алды.

- Бүгүн эрте жөнөп эртең саат тогузда борбордо болушуң керек, керектүү кагаздарыңды ал, кассадан жол акыңды алып ал да тез жөнө! - деди ал кирип келген Имаратка.

- Жарайт, - Имарат чыгып баратып кубанып калды: "жакшы болду, биротоло бүтүрө келейин" деген ойдо кагаздарын алып, акчасын чөнтөгүнө салып жөнөп кетти.

Ал күнү кечке зорго жетти, ал келгенде Бермет жок экен, кызы Карина да жок, он жашар уулу гана компьютерин карап отуруптур.

- Апаң келе элекпи? - деди ал уулунун бетинен өөп.

- Ал үч күндөн бери жок, Карина эжем азыр келет, - дегиче эшиктен Бермет кызуу кирип келатты, ал Имаратты байкаган да жок:

- Алтышка, ошентип мен эркинмин, мына экөөбүзгө кудай берди, сен ушуну каалагансың ээ?

Чоп эттире бирөөнү өөп койду. Ички бөлмөдө уулунун жанында турган Имарат унчукпады, аягына чейин укмак болуп турду оюнда.

- Сен эбак эле ошентишиң керек болчу, менин сени кандай сүйөөрүмдү билесиң, - Эркектин үнү тааныштай угулду.

- Алтышкам го менин, - Ашкана тарапка кирип кетишти.

Имарат эмне кылаарын билбей бир аз турду да, алардын артынан кирмек болуп баратып коридордо токтоп калды.

- Жаным десе, коркпой-үркпөй эркин жашайт экенбиз да! Аның өзү шал да, сенин эмне кылып жүргөнүңдү билбеген, - дегенде Имарат сүйлөп жаткан адамды дароо тааныды, ал өздөрү менен катышып эле жүргөн Расулбек деген врач экен, ал көп жылдан бери бойдок болчу.

Имарат жини келип жетип барып аны жакадан алды:

- Ким шал? - Мойнунан муунта кармаганда мындайды күтпөгөн Бермет да кызуу болсо да оозунан сөзү ыргып туруп калды, - Тапкан экенсиңер шалды, ак никемди булгаган акмак! - бир колу менен аны жаактан ары коюп жиберди, - Кана сүйлөчү, жанатан бери эмне деп аттың эле? - Экөө тең көздөрү чакчайып оозуна сөз кирбей тура берди эле, - дудук болуп калдыңарбы, эртең моралдык жактан бузулуп ойноштук кылганыңар үчүн экөөңдү тең жоопко тарттырам!

- Имарат, кечир мени, экинчи мындай болбойт, - Расулбек жалдырап ийди, - Аялыңа тийишпейм дагы.

- Ал аялдын азыр мага кереги да жок, никемди булгап, төшөгүмдү тебелеткен аялды урдум! - дегенде Бермет ары жакта турган бычакты ала коюп:

- Колуңа өлүп берем, ушунча балам менен ансыз дагы таштап атканың жетишет! - деп өлөрмандана кеткенде Имарат аны жылмая карап:

- Жашагың келбесе өлө бер, сени өлүп калат деп азыр Расулбек эле коркпосо, мен коркпойм! - деди жай гана.

Ошол кезде Темир кирип келип:

- Апа, эмне болуп атасың, тажатып жибердиң го, мен эми биерде калбайм, атам менен кетем! - деди ыйлап. Берметтин колундагы бычагы өзүнөн өзү түшүп, чөк түшө буркурап атты, - Сиз кеткенден бери дайым экөө келет, ичип алып ырдашат, тынчтык бербейт, - деп атасына арыздана кетти.

- Азыр үйдү бошотуп койгула, бул үйдө ак никеден жаралган балдарым бар, жалапкана эмес! - Имарат аларды түртүп чыгарып койду. Бермет чыкпаганга аракет кылды, ыйлап өжөрлөндү, бирок аргасыз чыгып кетти, - Балдарды көрөм деп ойлобо, эгер үйдөн ала турганың болсо баарын ал, үйдү бошотуп кой, эртең соо кел! - деп эшикти жаап алды.

Ошондо уулу Темир:

- Ата, апамды кетирбей эле, тиги Расулбек дегенин экинчи келбегидей кылып сабап койсоңуз, - деди апасына боору ооругандай.

- Апаңды алып кала албайм уулум, өзүнө өзү кылды, - Имарат уулун башынан сылай ашканага кирип чай койду.

Ошол бойдон эч кимиси унчукпады, Темир атасына башка сөз айта албады. Эртеси жумушун бүтүрмөк болуп чыгып кетип баратып Темирди карады.

- Эгер апаң келсе баарын алсын, компьютериңди, Каринанын пианиносун албасын, - деп чыгып кетти.

- Макул, - Темир эшикти илип алып кала берди.

Бермет түшкө жакын келди:

- Атаң кеттиби?

- Жок, жумушу бар экен, азыр келет.

- Темир, атаңды мени кечир деп айт, мен эми эч ким менен сүйлөшпөйм, сени угат атаң, - деп уулуна жалдырай карады.

- Чоң кишилердин ишине киришпей жүр дебедиңер беле, мен айталбайм, - Темир тетири карап басып кеткенде Бермет баласына жетип жонго бир койду:

- Мерез!

- Мама, сама виновата, а не я! - дегенде ого бетер жинденип кирди:

- Өлүгүңдү көрөйүн десе, силерди төрөгүчө жылан төрөсөм болмок.

- Карина эжем кечинде келген жок, ал дагы сиздин күнөөңүз, атама айткан жокмун.

Алар ошентип айтышып жатканда Имарат ишинин оңой чечилээрине кубанып жүрдү. "Эң сонун убактан пайдаланып калдым, талашса үйдү тим эле койойун" деген ойдо болду да, Расулбекти ойлогондо алардын кечиндеги сөзү кулагына жаңырып: "Энеңди урайын десе", деп кыжынып алды. Ал күнү жумушу бүтүп үйүнө келсе Карина менен Темир бар экен. Атасы менен учурашкан соң Карина:

- Пап, что с вами, что-то случилось? - деп карап калды.

- Кызым, сен чоңойдуң да, апаңдын кылган иштери менин жаныма батты.

- Ал кандай, мен билемби?

- Мен жокто көргөндөрүңдү билээрсиң.

- А мама сказала, что Вы виноваты!

- Айта берет, ал өзүнүн күнөөсүн сезгиси келбейт да?

- А я не знаю, кто виноват, сами решайте, - деп бөлмөсүнө кирип кетти.

Кызынын орус кыялдуу мүнөзүнө ичинен зээни кейип, өзүнүн "орусча өскөнү жакшы" деген оюнан Имарат азыр кайра баш тартып, балдарын айылда чоңойткусу келип турду.

- Карина! - деди анан.

- Да, па-ап!

- Келчи кызым, кеңешчү сөз бар, - Карина келип стол үстүнө колун койо атасын көңүл койо карап калды.

- Я слушаю Вас.

- Эртең мен кетем, жумушум бүттү. Темир мени менен кетет, сен эмне кыласың?

- А что, мама останется одна?

- Да, - Имарат кызын ойлуу карады.

- Ла-адно, я тоже уйду с тобой.

- Болду анда сүйлөштүк, эс ала бергиле, - деди да отуруп кубанып жатты: "демек балдар мени менен кеткен соң ал эчтеке кылалбайт, мен убакытты өткөрбөй эле үйлөнө берсем болот" деген чечимге келди. Эми жатайын деп жатканда эшик такылдады, туруп барып ачса Бермет экен, унчукпай артына кайрыла берди.

- Эми каалагандай жашай бер Бермет, жаш кезде бир илингем капканыңа, балдар деп жашап келдим, бул үйдүн документтерин мен алып кетем, үй сенде калсын, балдардын кадыры үчүн.

- Ошончолук эле карайдыңбы?

- Эбактан бери эле ачыкка чыгарбай кызымдын, балдарымдын кадыры деп чыдап келгем, эми мага баары дайын болду, бир мүнөт да туралбайм!

- Болуптур, балдарды эмне кыласың?

- Баары өзүмдө болот!

- Балдар ошого макул болоор бекен?

- Эмнеге болбойт, өз балам да?

- Анда сен жакшылап угуп кой, Карина сенин кызың эмес! - Бермет үнүн катуу чыгарып айтканда жаткан менен уктай элек Карина чыга калды.

- ... Мам, ты такая... - деп келатканда Бермет ага кыйкырды:

- Ооба, дал ошондой, сен анын кызы эмессиң!

- Бас жаагыңды! - Имарат аны бетке чаап жиберди, - Баладан айлангыр десе! Азыр чыгып кет, сага эми эчтеке жок! - Колунан сүйрөп баратып анын дагы ичип алганын билди, анткени ага арактын жыты бур дей түштү, чыгарып эшикти илип алды, Каринанын бөлмөсүнө баш бакса ал көмкөрөсүнөн жатып алып ыйлап жатыптыр, - Кызым, ал ичип алыптыр, сүйлөй берет, өзү сыйдан кетет. Капа болбо, өзүмдүн эле кызымсың, - деп чачынан сылап чекесинен өөп көпкө жанында отурду. Карина эчтеке дебей жатып калды, Имарат өз бөлмөсүнө өттү. Тез арада эле ичкенге үйрөнүп алганына таңгалды: "Расулбек экөө кайсыл учурда жолугуп жүрдү экен, неге ошону сезбедим?" деп уйкусу келбей он алты жылдан бери койнунда жаткан аялынын кылыгына жини келип жатып уктап кетти.

Эртең менен ойгонсо саат тогузга он мүнөт калыптыр, балдарын тургузуп шашып кийинди да, жолго чыкты. Үйүн кулпулап коюп ачкычты ала кетти. Каринаны чоң атасы сүйүнүп тосуп алды:

- Алтын кызым келген тура, оо садага болоюн десе, - Каринаны эки бетинен өөп, Темирди өөп анан, - Бермет келген жокпу? - деди.

- Она не придет, - деп Карина орусча жооп бергенде, Азимкан:

- Ээ айланайын, ал эмне дегениң? - деди.

- Ал келбейт, - деп күлүп калды Карина уялып.

- Кыргызча эле сүйлө, садага, Азимкандын небереси орус болуп калыптыр дейт эл.

- Пускай говорят!

- Кокуй кызым, экөөбүз сүйлөгөндү үйрөнөлү, сага кыргызча үйрөтөйүн, - Азимкан күлүп калды.

- Давай, - Карина ого бетер чоң атасына тийише орусча сүйлөп атты, - мен сиз менен кыргызча сүйлөшөм, - деп койду эле кары кубанып кетти.

- Тентек кызым, кыргызча билет тура, - Азимкан култуңдай небересинин чекесинен өөп эркелетип койду.

Аларды карап турган Имарат:

- Ата, Бермет эми келбейт, биз ажыраштык, - деди.

- Ок, эмне дейт? - Карыя уулун оңурая карады.

- Ошондой ата, өзү ошого алып барды, менден кеткен жок.

- Кой балам, төрт бала менен үй бузулган кантип болсун?

- Болду, ал жөнүндө сөз жок! - Имарат үйгө кирип кетти.

Азимкан үнсүз отуруп калганда Карина ага эркелей:

- Не переживай, дедушка, они сами решат, - деп койду.

- Мине деп атасың, кызым?

- Өздөрү чечет деп атам.

- Ой каралдым ай, эне тилин унуткан кантип болсун? - деп кейип калды Азимкан.

- Они так воспитали нас, өзү кылды бизди ушундай, - Карина чоң атасына карап, - Айтыңызчы, орусча жаманбы? - деди.

- Жаман эмей... - Неберелери менен отуруп күндүн кечтегенин байкабай калган Азимкан, - Намаз убагы болуп калыптыр, балдарым, - деп ордунан турду.

Карина кирип чай кайнатмак болду.

- Ой боже, здесь нету газа, что ли? - деп эки жагын карап туруп калды.

Имарат ага плитаны көрсөттү:

- Кызым, орусча сүйлөбөй жүрчү, инилериң жакшынакай эле сүйлөп атпайбы. Бүгүндөн баштап ушуга тамак жасап, инилериң менен чоң атаңды карайсың, - деди.

- Хорошо, - деп койду Карина.

Шаардагыдай бир жеринен суу алып, бир жагына чай, бир жагына тамак жасамай жок, Карина тажап кетти. Эмир менен Темир суу алып келип беришет. Күмүш барында очокко эле казан асып жасай койчу, эми аны ким кылат? Күндө душка эки маал түшүп сыланып-сыйпанып жүргөн кыз жүдөп да кетти. Күздө тогузунчу класска барат.

Асылбү менен Имарат чындап үйлөнө турган болгондо, Имарат атасына:

- Ата, мен үйлөнөм, антпесем шаардан өскөн Каринам түйшүктөн жүдөп баратат, бир үйдүн түйшүгү ага оордук кылат экен, - деди бир күнү жумуштан келээри менен.

- Уулум, жаңылып калба, Бермет келип калса эмне болот?

- Бети болсо келбейт, ата. Анын үстүнө ал мага тоскоолдук кылганга акысы жок.

- Эмнеси болсо да этиет бол, бала эмессиң, турмуш оюнчук эмес, өзүң ойлонуп кыйналбай турган бол!

- Сиз уруксат берсеңиз эле болду, ата.

- Мен уруксат бербегенде кайда барам? - Бир азга ойлонуп туруп, - Кимге үйлөнгөнү жүрөсүң, ушул айылданбы же шаардыкпы? - деди.

- Ушул айылдан ата, шаардыкка капысынан кабылып калбадымбы, болбосо... - Жылмая атасына карап, - Кулманбеттин кызы Асылбүгө үйлөнөм! - деди.

- Балакет бас! Анын быйыл эле эри өлбөдү беле?

- Эмне экен, балалуу болбоптур, биротоло баса берген, башы бош, - Имарат күлүп койду.

- Мейли балам, өзүңө туура келгенин жаса, - деген менен атанын көңүлү уйгу-туйгу болуп кетти: "ботом, каралуу аялды алганатканы эмнеси? Кара жаздык деп илгери жыл маалга чейин үн салып отурчу эле, ашын берип карасын алмайын күйөөгө тийчү эмес эле" деп ойлонуп калды.

Не деген менен көңүлдүн көксөөсү канмайынча адамдын ички сезими тынчыбасы чындык эмеспи, бир жумадан кийин кам-кашеги бүтүп, Имарат Асылбүнү үйүнө алып келди, төркүндөрүн чакырып ырым-жырымын жасады. Карина аны анча жактыра бербеди. Асылбү тың келин эле, керээлден кечке жан-алы калбай кир жууп, үй түйшүгүн артынып алганы менен тагдырына ыраазы. Имараттын иштешкендери келип куттуктап кетишти. Өңгөдөн Каринага Асылбүнү атасынын жакшы көргөнүн каалабайт, кээде экөөнүн сүйлөшүп турганын көрсө жини келип кетчү болду. Күз келип балдар окууга даярдана баштаганда Карина:

- Пап, я уйду к маме, - деди.

- Почему?

- Ошого папа, мамамды сагындым, - деп ыйлап ийди.

Имарат токтотууга канчалык аракет кылса да болбоду, аргасыз окуу башталаарына үч күн калганда аны жөнөтүп жиберди, үч баласы атасынын жанында калды. Мектепке барып сабактарын окугандан башка санаасы жок, балдары чоң атасынын жомогун угуп санаасыз чоңойо берди. Берметтен кабар болгон жок, кышка жакын кызынан кабар алганы Имарат өзү барды. Баягы Берметтин түрү жок, ичип алып же иштен, же башкадан жок үйдө экен. Расулбек да аны менен, Карина үйгө келбегенин айтканда Имараттын жүрөгү болк этип алды: "Кайда жүрөт, эмнеге биякка келбеди, же балээ болуп менин үйлөнгөнүмдү жактырбай экөөнө тең керегим жок деп бир жакка кетип калдыбы?" деп жини келип Берметти өйдө кылды:

- Эмне болуп калгансың, сени ушул акыбалга алып келген адамды ушунча сүйдүңбү, карачы кебетеңди, кана кыз?

- Мен каяктан билейин, - чачтары саксайып көздөрү чүңүрөйүп кирип кеткен, - Аны имине кыласың, баары бир ал сенин кызың эмес! - дегенде Имарат аны тээп жиберди:

- Он алты жылдан бери менден жашырып жүрүп эми мага айтып мактанып атасыңбы? Андай болсо кызыңды өзүң багып ал, тур үйдү бошот, сатып кетем!

- Бул үйдө менин да тиешем бар!

- Эмне, энең же атаң сатып берди беле? Менин атам сатып берген, сендей сыйы жок аял үйдөн айлансын! - деп колунан сүйрөп тургузганда Расулбек өзү туруп сыртка чыгып кетти.

- Ур, урбайсыңбы, өлтүрүп сал! Болбосо мен бул үйдөн кетпейм! - деп Бермет долулана баштаганда Имарат жини келе сыртка чыгып кетти.

Расулбек кайра кирип:

- Ой кеттик жүрү, тигиниң экөөбүздү өлтүрүп койбосун, үйүн берсең берчи, - деди.

- Эмне, бомуш болобузбу, же сенин үйүң жок, кайда барабыз?

Расулбек шүмүрөйө аны карады:

- Эптеп бир жай табабыз да, сен жанагы кызыңды эмнеге айтып жатасың? Эгер экөөбүздүн мурун тааныштыгыбызды билсе ошол замат сойот. Сенин мага тийип чыкканыңды, кайра келип күйөөң менен тааныштырып коюп, мени менен жүргөнүңдү укса өлдүк!

- Өлдүк деп койот, сен эмне Имараттай болуп иштеп жашай алган жоксуң? Сенин үй-жайың болгондо ошондо эле кызым менен сени ээрчип кетип калмакмын!

- Койчу эми, өткөн ишти козгобой, үйүн бер, тынч жашайлы, жакында туугандарыма барабыз, кызыбызды тааныштырсак алар бизди талаага таштабайт, - деди Расул.

Ошол кезде Имарат кирип келип аны жакадан алды:

- Акмактар, кыздын канын текшертем, эгер меники эмес болсо ошол жерден экөөңөрдү тең өлтүрөм, - дегенде артынан эки милиционер кирип келди, - Мына бул менин он алты жыл чогуу жашаган аялым, мунусу менен да жашап келиптир! Соттон угайын кантип экөөбүз менен бирге жашап келгенин! - жини келгенинен тамырлары көөп сүйлөп атты.

- Тынчтаныңыз, текшеребиз.

Милиционер экөөнү участкага алып кетти.

- Мен кызың эле эмес, балдарды да текшертем, кокус каны туура келбесе өзүңө берем, мага кереги да жок! - деп Имарат ачуусу келгенинен калчылдап отуруп калды эле, Карина кирди:

- Пап, как дела? - деп, ал атасын өөп койду, Имараттын денеси дүр дей түштү: "сенин тийип чыккан күйөөң экенимди билсе экөөбүздү тең өлтүрөт, кызыбызды туугандарга тааныштырабыз" деген Расулдун сөздөрү мээсине орноп, заматта кызын кыртышы сүйбөй ары карап кетти, - Ну пап, что случилось?

- Все хорошо, иди к себе, - деп койду.

Анан Каринаны РОВДга ээрчитип барып өзү арыз жазды. Тигил экөөнүн сүйлөшкөнүн атайын диктофонго жаздырып алган, аларын коюп берди. Ошентип ишин сотко ашырды. Бир ай жумушунан суранып балдарынын анализдерин тапшыртып, баарын текшертип аныкталгандан кийин эс алды: Карина чындыгы башка болуп чыкты, калган балдары өзүнөн экен. Бермет аны алдап тийип алганын жазып, он алты жыл мурун Берметтин жазган арызын чукуп таап чыкты. Ошентип адвокаттын жардамы менен өзүн актап, моралдык жактан бузулган, үйбүлөлүк кодекстин шартын аткарбаган, аферисттик кылган делинип Берметти беш, Расулбекти алты жылга кестирип жиберди. Каринаны шаардагы үйүнө аргасыз калтырып, өзү айылга жөнөдү.

Ошентип көзү ачылып аялдын бир амалы кырк эшекке жүк экенин даана түшүнүп, убагында ага ишенип жүргөнүнө ичинен жини келип зымылдай кетип жаткан машиналардын дөңгөлөгүн телмире карап кетип жатты. Асылбүнүн капкара көздөрүн эстегенде ал дагы өзүн алдап жүргөндөй бүткөн бою дүр этип алды. Деги адам бирдекеден көңүлү калса башкага ишеними жоголуп, ал тургай кээде өзүнө да ишенбей кетээрин жашоодон көрүп эле жүрбөйбүзбү. Бирок Имарат акыл менен иш кылып, өзүн токтоо кармады: ""беш кол бирдей эмес, Берметтин ошондогу сөзүнө ишенбей текшертип көрсөм болмок. "Сурак берип, милицияда жүрбөйүн, алсам ушундай эле аял алам да", деп үйлөнүп албадымбы, көрсө балалыгым, жаштыгым экен" " деп оор улутунуп алып үйүн көздөй бурулду. Көз алдында өзүн күтүп жаткан Асылбү тартылды, апакай узун салаалары, жумуру билектери, өзүн жалжылдай карап күлмүңдөгөн көздөрү! Мунун баарын эстеп, жүрөгү кубанычтуу өрөпкүп алды: "Менин сүйүүм, махабатым, бакытым" деп алды өзүнчө. Аңгыча эшиктин алдына токтогон машинанын үнүн угуп Асылбү, анын артынан балдары, Азимкан болуп жарданып чыга калышты. Сүйгөнүн ушунчалык кучагына кыскысы келип эңсеп келген Имарат алар менен суз учурашты.

- Ийи уулум, иш кандай? - Азимкан уулун карады.

- Жакшы, иш жакшы бүттү...

Азимкан уулу Берметти соттотконун, келининин кылган иштери жөнүндө эч нерсе билбейт, жөн гана "ажырашып келди" деп ойлогон. Ал тургай: "төрт балам менен кайда барат элем, ажырашпайм, деп Имарат менен кошо келип балээ болбогой эле, уулум ортодо кыйналып калбаса экен" деп санаасы тынбай жаткан. "Иш бүттү" деген уулунун сөзүн угуп ишенбей, Бермет машинадан түшө кала тургандай карап турду.

- Мейли балам, ишиң бүтсө жакшы, - деп, Азимкандын эми чындап санаасы тынып, үйгө кайра кирип кетти.

Балдары атасына бир сыйра учурашып, эртеңки мектепке бараарга акча, тыйын сурап чурулдай үчөө үйгө кошо кирди. Анткени мурда өзү жумушка кетип калганда апасы баарын жайгарчу, эми эрте кетээрин билген балдар биринен бири жарыша өтүп атышты:

- Ата, жаңы жылга жүз сом чогултат экенбиз, - деди эң кичүүсү, өзүнө окшогон уулу.

- Сага, сага, - Имарат беркилери карай күлдү.

- Мага жүз элүү...

- Эки жүз сом керек, мектепке - бир, подарокко - эки, - Эмир чоңоюп калганга алардын артында туруп жооп берди.

- Азаматтар, менин айлыгымдын жарымы болот тура, - Имарат чөнтөгүнөн акча алып чыгып, - Сага, муну сага, а бул сеники! - деп Эмирге эки жүз сомду сунду, - Кана бүттүбү, жумушуңар жокпу? Анда эс алгыла, эртең окууга барасыңар!

- Ооба, - дешип, балдары өз бөлмөлөрүнө жүгүрүп кирип кетишти.

- А сизге эмне керек? - Имарат Асылбүнү карай кучагын жайып, күлмүңдөп келип эки бетинен өөп атканда Асылбү эркелеп:

- Мага бир гана өзүң керексиң, сен жанымда болсоң чексиз ааламда жалгыз учкан куш болуп учуп жүргөндөй сезем өзүмдү, - деп мойнуна колун орой жаагынан сылап келип, - Эмнеге кеч жолуктук, жашымда жолуксаң эмне? - деди сумсая түшүп.

- Эмнеге жаным сен али жыйырма-жыйырма беш, мен отуз беш, экөөбүз тең жашпыз керек болсо, эч кам санаба!

- Деги да, балдарың мени анча жактырбай жүрөт, канчалык өз баламдай жакшы көрөйүн десем деле мени четке сүрүп коюшат, ошон үчүн эртерээк жолуксак ушулар экөөбүздүкү болот беле дейм да?

- Капаланба, баары жайына келет, алар акырындап түшүнөт, - Имарат аны кучактап өздөрүнүн бөлмөсүнө өтүштү.

Ыссык өбүшүүлөр, таттуу сөздөр, кыңкыстаган үн көптө барып анан басылды. Адам баласы махабат оюнун ойноп атканда асмандан таш жааса да көзүңө эч нерсе көрүнбөй эрип бараткан коргошундай көлкүлдөп, бул ааламда өзүңдүн бар экениңди да саамга унута түшөт эмессиңби? Имарат менен Асылбү эшикти ичинен бекем илип алды да, махабат көлүнө чумкуп, бирде тумчугуп аба жетпей, бирде чексиз ааламдын кучагына кол кармашып учуп бараткан канаттуудай канат сермеп күүлөнүп жатып, көптөн кийин кара терге түшүп жатып калышты.

- Жаным, - Имарат дагы эле тойбой өөп алды.

- Болду эми, эс алалы, - Кылыктана кыңкыстап койду Асылбү.

- Сагындыңбы, Асылым?

- Ананчы, эми жетип мойнуңа асылгым келип жүгүрүп чыксам, баары чыга калып уялып тим болдум.

- Жа-ным, сен менин бакытымсың!

- Сен менин жүрөгүмсүң, сенсиз менде жашоо токтойт.

- Экөөбүз узакка-а бактылуу жашайлычы, мен баарынан жүрөгүм муздап, көңүлүм калып келди, мени ошол көңүл калуудан сен гана сактап калдың, сенин элесиң мага дем берди, Асылбү!

- Чын элеби? - Асылбү наздана аны бекем кучактап алды.

- Ананчы, сенин элесиңди көз алдыма сүртүп алып өзүмдү оор жүктөн арыла түшкөндөй сездим.

- Ар мүнөт сайын сен эсиме түшсөң өмүрүмдү канаттуу куштай эркин сезем, дүйнө кезип саякаттап жүрүп өмүр өтөөчүдөй сен үчүн эрким жетсе сенин жаныңда гана көрүнбөй ийиниңде конуп ар кандай кокустуктан сактап тургум келет, - Асылбү күйөөсүнүн колтугунда эркелеп, аны мойнунан жыттап алып, көзү сүзүлө бакыттын кучагында бейиштин сыйкырдуу суусуна кирингендей уктап баратты.

- Бакытым менин! - Имарат анын чачтарынан өөп коюп ойгоо көпкө жатты.

Имарат эртеси жумушка чыкты, күндөгү көнүмүш көрүнүш уланып жумуш күнү ойдогудай башталды.

Карина өз ою менен өсүп, кайда барса-койсо өзү билип жүрүп, өзүнө окшогон бейбаш кыздарга кошулганына көп болгон. Эркелетип, сүйүп-багып чоңойткон ата-энеси заматта чакчелекейи чыгып ажырашып, анан да өзүнүн атасы бөлөк болуп чыкканына бала болсо да шагы сынды. Адегенде төрөгөн энесин күнөөлөдү: "Кайра-кайра эле "сенин кызың эмес" " дей бергени кулагына угула берип үйдө үч күнү катар ыйлап жатты. Кетээринде Имарат ага:

- Кызым, апаң кандай акылсыз, экөөбүздү бөлүп салды, ушуну менен он алты жыл эч нерсени сезбей жашаганымдын өзү канчалык адамгерчилик экенин өзүң кийин таразалаарсың, мен дагы да сени жакшы көрөм, анткени сени өзүм багып чоңойтком, өзүм келип турам, сен дагы барып тур, экөөбүздөн башка эч ким билбейт, - деп чекесинен өөп колуна акча карматып кеткен эле.

Азыр ошолорду эстеди, атасынын кичинекейинде мойнуна көтөрүп алып көчөдөн ар нерсени алып бергенин эстеп дагы ыйлады. Анан ошол акчаны алып көчөгө чыгып жегенге бир нерсе алып келди. Газга чай коюп ичти, анан эчтекеге көңүлү келбей диванга жатып алып ойлонуп телефон чалууга турду.

- Ало, Зарима, сенсиңби?

- Ало, Карина, кайдасың, эмне кылып жатасың, кабарың жок да, жолукпайлыбы?

- Сен келбейсиңби, мен үйдөмүн, эчтекеге көңүлүм жок, келип кетчи. Сумира кайда?

- Ал менин жанымда, азыр барабыз, - деди эле Карина трубканы ордуна коюп койду.

Арадан жарым сааттай убакыт өткөндө эки кыз келип калды. Колдорунда көтөрүнчөгү бар, артында үч-төрт өздөрү курактуу жигиттер. Шарактап кирип келишти.

- Карина, кандайсың?

- Салам, Карина!

- Привет! - Ар бири учурашып залга өтүштү.

- Оой Карина, сен жалгызсың го, мамаң кайда?

- Алар айылга кеткен, чоң атамды карашат, ал жалгыз калбадыбы. - Карина көңүлсүз жооп берди.

- Анда давай устроим вечеринку!

- Я согласна, а то мне очен скучно, - Карина ага карады, - Марина, менде азыр акча жок, өзүңөр тапкылачы, анан кийинкиде менден...

- Эч кам санаба курбум, өзүм да аябай зеригип турдум эле, я все сделаю, за тебя! - Марина аны кучактап өөп койду, - Девочки, пошли на улицу, - деп чыгып кетишти.

Бираздан кийин алар кайра келишти. Булар шаардагы "мен!" деген көрүнүктүү адамдардын кыздары эле. Колдорунда дайыма акча, жанында боз балдар. Дароо эле отуруш уюштуруп жиберишти. Баары чылым чегип, вино коньяктан ичип, тооктун этинен кууруп алып шарактап отурушту. Эрлан мурунтан эле Каринаны жандап жүрө турган.

- Карина, негедир мурдагыдан башкачасың да? - Эрлан ага имериле сурап атты.

- Ничего, не волнуйся Эрлан, мне нужно лишь некоторое время, - Карина ушинтип койду.

Марина жаңыдан чөптөн кошуп чегип үйрөнүп жүргөн, ал бир аздан кийин кыйшайып жатып калды. Жанындагы жигити экөөнү өзүнчө чакан бөлмөгө жаткырышып коюшуп, өздөрү вечеринканы улантышты.

- Карина, за тебя!

- За тебя! - деп Каринаны шынаарлап эки боз бала ага жармашып атканда, Сумира:

- Карина, жигиттердин баары сени карашат, мени неге карабайт? - деди каткыра, - Мен деле сулуумун го?

- Булар сага даабай жаткан го, потому что ты очень скромная, - Карина ага жылмайды.

- Тамаша, мен да сендей сулуу болгум келет, бирок жете албайм го?

- Сумира, мен сени качандан бери сүйөм, а сен мени жактырбайсың, - Сапар ага жакындап колунан кармап алды, айтчы, сен мени сүйөсүңбү?

- Сапар, эмитен сүйүүнүн эмне кереги бар, али жашпыз, жыйырма биринчи кылымдын жаштарына сүйүү деген оору жукпай эле койсун, биз только жаштыгыбызды каалагандай өткөрүшүбүз керек! - Сумира аны жактыра бербей мурчуюп койду.

- Сумира, что ты?

- А чо?

- Признайся а?

- Ну, мне не надо любви...

- Кыздар, жаштар бар жерде оюн-күлкү, кыз-жигит бар жерде сүйүү болот, келгиле сүйүү жөнүндө сүйлөшөбүз, - Эрлан аларды карады, - Мисалы мен Каринаны чын жүрөгүмдөн сүйөм!

- Эрлан, прекрати!

- Нет, я и не подумаю, сенсиз өзүмдү элестете албайм!

Эки кыз, эки жигит отуруп аз-аздан ичип кызый баштаганда музыка коюп бийлей башташты, улам винодон куюп кыздарга жуткуруп, өздөрү алып, түн бир оокумда алар ырдап бийлеп жатып чарчашты, кызуу абалда төртөө катар жатып уйкуга киришти. Ошондон баштап Карина мектепке барганын токтотту. Күндө достору менен шарактап вино ичип алып бийлешет. Марина болсо өзүн кармана албай героинди таппай калса сайына баштады. Каринаны коңшулары урушуп:

- Ай кыз, ата-энең жокто кутурдуңбу, апаңдын деле чоочун эркек менен келип тынчыбызды алганы жетишет, - деп нааразылыктарын айтып жатышты.

Бир күнү бет маңдайындагы аял эшигин чертип, "милиция чакырам!" деп катуу эле айтты.

- Кечирип койуңузчу, экинчи мындай болбойт, - Карина кечирим сурап, уялганын билдирди.

- Мейли, мындан ары мындай болбосун, - Ал аял кайра кирип кетти үйүнө.

- Кыздар, мени урушуп жатышат, эгер участковыйга айтса, бизди өлтүрөт, - деди кайра кирген Карина.

- Анда биздин үйгө кетебиз, ал жерде эч ким жолтоо болбойт, - деди эңги-деңги болуп героин жыттап алганга башы айланып турган Марина.

- Марина, ата-энеңе бир жолу телефон чалып койсоң боло, сени издеп жатышат го? - Сумира ага карап тынчсызданганын билдирди.

- Оой, - деп Марина колун шилтеп койду, - Мени алар билип калышкан, "өлгөн кыздын бирисиң" деп коюшкан.

- Ыраспы? - Карина таңгала карап калды, - Чын эле алар билишеби?

- Эбак билген, дарылатканга аракет кыла башташканда качып кеткем!

- Марина, сен жаман болуп баратасың, атаңдын тилин алып дарыланышың керек, - Сумира ага жакындап чачылган чачтарын жыйды, - Сапар экөөң тең дарыланбасаңар болбойт.

- Биздики бүттү кыздар, мен абдан эрте баштагам. Сапар мурун чекчү экен, мени үйрөткөнүнө үч жыл болду, мен азыр он алтыдамын, он үч жашымда үйрөнгөм.

- Ошончодон бери биз билген жокпузбу, как жалко-о тебя!

Карина аны жаман көргөндөй болду, бирок негедир аны бир нерсеге пайдалангысы келди. Ал атасы менен апасын бөлгөн жалгыз гана Асылбү деген ойго келген. "Ал болбосо биз бактылуу үйбүлө болчубуз, атам ага азгырылбаса апамды да каматмак эмес, мени да бөлдү, мен ага көрсөтөм" деп ойлоп жүрдү ичинен. Күндөр өтө берди, Карина ал убакта жигити Эрландан боюна болуп калып, акча чогултуп алдырмак болду. Эрлан аны алганга ата-энеси уруксат бермек эмес. Ал жалгыз бала…

Каринанын боюна болуп калганын угуп ал ээлигип үйүнө барды:

- Ата, мен үйлөнөм, - деди тике эле.

- Үйлөнөм дейсиңби? - апасы угуп алып каткырып калды, - Ким экен ал, келин болчу кыз?

- Карина, Имарат Касымовичтин кызы.

- Кызы-ык, ал кадыр-барктуу, жакшы адис эле, аялынын жүрүштүүлүгүнөн уялып иштен кетип калган. Ал турсун кызынын өзүнүкү эмес экенин билбептир да? - дегенде күйөөсү аялын карады:

- Эмне деп жатасың?

- Ой жөн эле ушак дейин десең, болуп өттү ошондой окуя, - Сонунбү Жамгырбекти жылмайып карап койду, - укмушуң кургур, жанагы ким эле… өзү артист болчу, кийин ичип кеткен, ошону менен Имараттын аялы качантан бери жүргөнүн билбептир да? - деп укканынын баарын айтып келип, - Уулум, андай атасы баш тарткан кызды үйүбүзгө киргизе албайбыз, атаң кадырлуу адам, дос-душманыбыз күлкү кылбайбы?!

- Апа, мен аны сүйөм!

- Кой, балам, сен он алтыга зорго чыктың, окушуң керек, ал кызга бул акчаны берип кой, алдырып койсун! - деп Сонунбү баласынын колуна акча карматты эле, аны албай:

- Анда мени бул үйдөн экинчи көрбөйсүңөр, - деп эшикти көздөй жөнөгөндө Жамгырбек уулун токтотту.

- Токто, ал кыз канча жашта?

- Ой анын жашынын эмне кереги бар, көчөт да бир! - Сонунбү ортодон чыкканда Жамгырбек ага орой:

- Балада эмне күнөө, аны жараткан акмактарда, эгер кыз өзүңө теңтуш болсо, сүйсөң алып кел! - дегенде Сонунбүбү ыргыштап кетти эле, Жамгырбек аны акшыя карады, - тойго камын, уулуң чоңоюп калган тура, үйлөнтөбүз!

- Ата, ыраазымын! - Эрлан атасын кучактап өөп ийди, - Качан апкелейин?

- Биз камыналы, анан апкелесиң, - Жамгырбек ойноо бала деп жүргөн уулун бүгүн чоңойгон катары карап, жылмайып койду.

Сонунбүбүнүн кыжыры келип, эмне кылаарын билбей, оюнда кызга жолукмак болду. Эртеси күйөөсү жумушка кеткенде шашылып чыгып кетти. Каринанын үйүн кантип табаарын билбей, алар жөнүндөгү жаңылыкты айтып берген курбусуна келди. Ага болгонун айтып, андан кеңеш сурап көрдү эле, ал:

- Ой, ал кыз бузулганы качан, эсебин оңой эле табабыз, ошого да башыңды оорутуп отурасыңбы? - деди.

- Билесиң да Жамгырбектин кыялын, үйлөнтөм деп атпайбы, ошону кантип үйүмө киргизем, ыя?

- Эч кабатыр болбо, мен ал кыздан балаң өзү кача турган кылып койом! - Экөө көпкө чейин шыбырашып отуруп, каткыра күлүп калышты, - Калганын мага койо бер!

- Курбум, сага ишенейин, күйөөм камын деп атпайбы. Кой мен барайын, бул жакшылыгың үчүн буйруса, баары бүткөндөн кийин ыраазы кылам, - Сонунбү ылдамдай басып жөнөп кетти.

Клара күйөөсү жок аял, Сонунбү экөө кээ-кээде жолугуп калганда кызыл шараптан иче коюшчу. Клара ошол эле күнү өзү менен жүргөн жигитин Каринанын үйүнө ээрчитип барды. Карина ошол күнү жалгыз болчу, эшигин ачып:

- Сиздерге ким керек? - деди чоочун аял менен эркекти карап.

- Ий садага болоюн десе, дегеле талтөөндөй болуп чоңоюп калган турбайсыңбы! Биз Берметтин эже-жездеси болобуз, - деп Клара аны кучактап өөп, жаны-алы калбай, жалынып- жалбарып кирди, - Апаңды угуп сенин абалыңды билели деп келип калдык

- Кириңиздер, - Карина аргасыз аларды үйгө киргизип чай койду, - Чай ичиңиздер!

- Айланайын, жалгыз үйдө кыйналган жоксуңбу?

- Жо-ок, эмнеге кыйналмак элем, - Карина чай куюп коюп ашканага кеткенде бири-бирине ымдаша уктатчу дарыны анын идишине салып койушту. Карина бир топто келип муздаган чайын ууртап ичип отуруп түгөнгөндө ордунан турмак болуп баратып жыгылып калды. Экөөнүн тилегени ордунан чыгып, кызды арыдан-бери спальныйга алып барып дырдай жылаңачтап жаткырышып, эшиктин чыр эткенин күтүп жатышты. Бир кезде эшиктин коңгуроосу чырылдаганда Клара бекинип калды, Толик чечине салып үстүнө шейшеп жамынды да босогого келип:

- Бул ким? - деди.

- Мен, Эрланмын, Каринаны айтып койосузбу? - деди үйүндө тууганы же атасы болсо керек деп ойлогон Эрлан.

- Каринаны эмне кыласың, ал азыр мени менен, карааныңды көрсөтпөй жогол!

- Сиз кимсиз?

- Мен Каринанын жигитимин!

- Ачыңыз, андай болушу мүмкүн эмес! - Эрлан эшикти түрткүлөп такылдатканда Толик ачып жиберди, - Кана Карина? - Эрлан аны төшкө түртүп кирип барып анын дырдай жылаңач жатканын көрүп делдейе туруп калды.

- Болдубу жигит? Бул мени менен качантан бери акча керек болгондо жатып турат, кааласаң кал, мен кете берейин, азыр эле уктады, - деп жылмая күлүп койгондо Эрлан башка келтек менен чапкандай бурулду да чыгып кетти.

Клара менен Толик каткырып күлүп алды да үйдөн чыгып кетишти. Эртеси уйкунун дарысы тарап, башы ооруп ойгонгон Карина чоочуп ыргып турду. Өзүнүн жылаңач жатканын көрүп, туруп келип халатын кийип залды, кичи бөлмөнү карады, эч ким жок. Көптө барып алардын соо келбегенин сезди, ичимдик ичкендей башы ооруп окшуганда оозунан дарынын жыты келип кусуп жиберди. Эмне кылаар айласын таппай: "Эрлан келмек эмес беле, тигилер кайда кетти, мен эмнеге жылаңач жатып алдым?" деп ойлоно берди, бирок эч нерсе эсинде жок. Башын мыкчып отурганда эшик ачылып Эрлан кирди:

- Карина, мен сени мындай деп ойлогон эмес экем, көрсө сен ушундай турбайсыңбы? - Босогодон эле ал ич күптүсүн чыгара айтып жатты.

- Эмне, эмне деп атасың Эрлан, мен эмне болуптурмун? - Карина аны таңгала карап турду.

- Өзүң айтчы, акча керек болсо менден сурабайсыңбы? Сенин сатылып жүргөнүңдү мурда билсем ата-энеме айтпайт элем.

- Сен түшүндүрүп айтчы, мен кимге сатылыптырмын? - Карина түшүнбөй кайра андан сурай берди, аны таңгала караган Эрлан көргөнүн айтканда ал бетин баса бакырып жиберди, - Жалган, баары жалган!

- Көз менен көргөн эч качан калп болбойт, кулагым менен уксам ишенбейт элем, өз көзүм менен көрдүм го, Карина!

- Жалган, мени атайын сага ошондой көрсөткүсү келген көрө албастар болсо керек? - Карина ыйлап отуруп үйүнө келген аял эркекти айтып берди эле, Эрлан:

- Мен келгенде эч кандай аял жок экен, чоң эле киши экен, Карина, - Эрлан ичкери жулунуп кирип баратып, - Ал тургай бул жерде акчаңды коюп коюптур болчу! - деп көргөн жеринен акчаны көтөрүп чыкты, - Бул эмне, айтчы бул эмне?!

- Мен андай акчаны да, эркекти да билбейм Эрлан, алар мага апамдын эжесимин деп келишкен, чай бергемин, анан, анан билбейм, башым айланып жыгылып калган окшойм...

- Ишенбейм Карина, атам уруксат берген, эми эмне дээримди билбейм, сага ишенейин десем акча, чоочун эркек. Ишенбейин десем сөзүң башка! - Эрлан көпкө чейин башын мыкчып отура берди, ыйлап көз жашы соолугандай Карина өзүн токтото тобокел кыла аны карады:

- Өзүң бил Эрлан, менин сага айтаар сөзүм да калган жок, актанбайм дагы, чындыгын айттым, эми жалгыз кой! - деди.

- Карина, мага бир аз убакыт керек, жаман абалда калдым, үйгө барсам эми атам сурайт, эмне деп жооп берем? Мен сени сүйөм, Карина, сүйөм! - Эрлан отуруп алып столду ургулап ийди, - Айтчы Карина, эмне кылышым керек?

- Мен эчтеке айталбайм, мен азыр жалгыз болгум келет! - Карина бакырып жиберди эле Эрлан унчукпай чыгып баратып:

- Мейли Карина, мен сени дагы эле сүйөм, мен да өзүмдү тыңдап алайын. Кечир мени, эгер менден кетсе, - деди да эшикти жаап кетип калды.

Ал чыгаары менен Карина эшикти илип туруп спальныйга үстөмөнүнөн кулап, бакырып-өкүрүп ыйлап жатты: "Мен бактысызмын, адегенде атамдын үйдөн кетиши менен башталды" деп ойлонду да Берметтин айтканын эстеди: "Карина, Имарат мени менен ажырашмак болду, сага айтып коюшум керек, сен анын кызы эмессиң, ал жаман ойун сага буруп жүрбөсүн. Анын кеткенине мен кейибейм дагы, Расулбек менен жашай берем. Сен ошонун кызысың, ошону эсиңе салып койойун, ал сенин атаң. Темир укпасын, оозуңдан чыгарба, макулбу?" деген эле. "Жек көрөм баарыңарды, атам гана жакшы болчу мен үчүн, аны жакшы көрөм, силерди жек көрөм, жек көрөм!" - дей берди.

Карина ошол бойдон үйдө болуп калды, эч ким менен сүйлөшкүсү келбей жата берди. Телефон чырылдап калды, көңүлсүз трубканы алса Сумира экен.

- Угуп жатам, - деди суз.

- Карина, эмнеге дайның чыкпай калды, жолукпайлыбы?

- Эч нерсеге көңүлүм жок...

- Үйдөсүңбү?

- Ооба, эгер келсең келип кетчи, Сумира.

- Макул, мен азыр барып калам! - Карина телефонду коюп отуруп калды.

Көп өтпөй Сумира келип, экөө өбүшүп учурашты да:

- Сумира, мен эмне кылаарымды билбей калдым, мага акыл айтаар эч ким жок, же өлүп калсамбы? - деп Карина ыйлап ийди.

- Эмне болду, айтчы тезирээк?

- Менин боюмда бар!

- Кантип?

- Ушинтип эле. Эрлан экөөбүз жатып койгонбуз, ал мага үйлөнөм деген...

- Анан, ал баш тарттыбы?

- Жо-ок! - Карина бакырып жиберди, - Жо-ок... - Сумирага жөлөнүп алып ыйлап да жатты, болгонун болгондой кылып айтып да жатты, - Ошентип эмне кылаарымды билбей калдым Сумира, мага акыл айтчы?

- Эмне дейм, менден кайсы акыл чыгат, Карина?- Сумира кошо ыйлады.

Экөө бир топко томсоруп отуруп, анан Карина:

- Сен мага жардам бер, мен ошол аялды табышым керек. Адегенде аны таап, анан эркегин табабыз, мен ушул абалга алып келгендерди өз колум менен өлтүрөм! - деп ордунан тура калды.

Көздөрүнөн кек кайнаган кызды азыр мурунку назик кызга окшоштуруш кыйын эле...

- Сенин колуңдан эмне келет, аларды кармап бериш керек, милиция берет жазасын.

- Жо-ок, мен өзүм берем, чындыкты билишим керек курбум, менин сатылып жүргөн эркегим кандай экенин өз көзүм менен көрөйүн, - Кыздын көздөрү карышкырдын көзүндөй күйүп турду, - Мага жардам бересиңерби?

- Марина азыр оңолуп калган, ал мындайды жакшы аткарат, ага кеңешели...

- Аны үйүнөн табамбы?

- Жо-ок, ал азыр Сапар экөө атасы алып берген үйдө жашап жатышат. Оой ал укмуш, атасы ага кызматчы да жалдап берген!

- Алардын кереги эмне, үйүнүн телефонун билесиңби?

- Билем!

- Анда чал, мен сүйлөшөм! - Карина буйрук бере айтканда Сумира туруп барып телефондун кулагын бурады.

- Ало, бул ким экен?

- Мен Маринамын, сен Сумирасың го, кандайсың? - деп ары жактан Маринанын үнү угулганда Карина алып:

- Марина, мени тааныйсыңбы? - деди.

- Карина, моя алтышка, Сумира экөөңөр мага келип кетпейсиңерби, силерди көргүм келип турдум эле...

- Өзүң менин телефонумду билесиң, бир жолу чалып койбойт белең? Биз бири-бирибизди унутуп калабызбы? - деди.

- Мени Сапар эч жакка чыгарбайт, атам ага мени катуу дайындап койгон!

- Мен сенден жардам сураганы турам. Жалгыз калганымды билесиң да ээ, ал абалымды сурап койсоң болобу? - Карина ага таарыныч кыла сүйлөп жатты.

- Эмне болду сага, Карина?

- Сени менен эртең Сумира жолугуп баарын айтат, анан сен мага чалып жообуңду бер, мен сенден жооп күтөм! - деди да трубканы коюп койду.

Он беш, он алтыдагы кыздын жүрөгү музга айланганга жашоо, тагдыры себеп болду, ал азыр ага кабылганды мойсогону турган ажыдаардан айырмасы жоктой сезилди Сумирага, курбусуна боору ооруду, өлүмгө да болсо башын байлап жардам бергиси келип турду.

Эртеси Сумира менен Марина телефон чалбай эле келип калды, үчөө көпкө сүйлөштү, жөн эле кримдүйнөнүн адамдарындай сөз бекитип, Каринага жардам бериш үчүн бири-бирине ант берип атышты.

- Бул ишти колубуздан келишинче билгизбей жасаганга аракеттенебиз.

- Бирибизден сөз чыкпашы керек!

Үчөө жолго чыгып шаарды кыдырып көчөлөрдөн тааныш аялды издеп жүрүштү. Эч жерден таба алышпады. Күндө кечке чейин эл ичинен, дүкөндөрдөн, базардан карап суй жыгылышты. Сумира Каринаны карап:

- Дареги же сүрөтү жок адамды табыш оңой эмес Карина, бекер убара болуп атабыз, жок дегенде аты жөнүн билсек бир жөн. Анан да сен көргөнсүң, биз көргөн эмеспиз, - деди сабыры суз.

- Туура, мен силерди кыйнадым окшойт, мени кечирип койгула, өзүм издеп тапсам силерге айтам.

- Жо-ок Карина, мен сени менен болом, табыш керек аны, сен аны жаңылбай таанысаң болду, - деди Марина.

- Эң сонун тааныйм, көз алдымда турат анын кебете-кешпири, көздөрү кичикей, кара каш аял, - Карина ойлуу айтып жатып да, көз алдына келтирип алды.

- Анда табабыз, эч кабатыр болбо. Эң башкысы Сапардын бир досу бар, ал милиция, аны чакырып коюшубуз керек.

- Кечирчи Карина, мен сени капа кылып койдум, канча болсо да чыдайбыз, издеп табабыз, - деп Сумира уялып кетти.

- Эчтеке эмес, - деп келатып эле, - Кызда-ар, мен аны таптым, ана, анакей! - деп кыйкырып ийди.

- Кана, кана?

- Кайсыны айтып атасың? - деп экөө жолдон өткөн адамдарды карап атканда Карина экөөнү эки жагынан колтуктап алып колун созуп көрсөткөнгө аракет кылып жатты, - Тигине бир кыз экөө кетип атат, такси токтоочу жайга барды!

- Тетигиби? - Сумира аны көрө койду, - Чын эле ошобу, тактап тааныдыңбы?

- Ооба, так өзү, такси жалдап анын артынан түшүш керек!

Сумира:

- Токточу шашпай, ал эле болсо мен аны тааныйм! - дегенде экөө тең аны жалт карашты.

- Сен аны тааныйсыңбы?

- Эгер точно ошол болсо аны мен билем, анын дүкөнү бар, мен силерди алып барам, зачем такси?

- Анда кеттик, бүгүнкүгө ушул жетет, - деди ойлуу Карина. Үчөө унчугушпай үй үйүнө тарады.

Эртеси кечке чейин эс алышып, саат алтыларда Сапар менен анын досу Кумар экөөнү ээрчитип алып дүкөнгө келип, бешөө пиво ичип отурушту. Эл суюлуп, түнкү он экиге чейин козголбой отура беришти, Клара келип:

- Кыздар, мен дүкөндү жабам, тургула, - деди эле Сапар менен Кумар туруп дүкөндүн артын көздөй басып кетишти, Карина шляпа кийип көзүнө түшүрө отуруп өйдө караган жок, пивону ичип отурду. Марина:

- Эжеке, бир аз отуруп туралы, бирден пиво ичебиз, - деп аны ээрчий басты.

Ошол убакта карап турган Карина:

- Ана, тээтигил эркек болчу, келди анысы, - деп Сумирага түртүп көрсөтүп койду.

Аңгыча Марина үч пивону көтөрүп келип калды. Үчөө бир аз отуруп эл көрүнбөй азайып калганда, үчөө дүкөнгө ээрчише кирип артынан келаткан Карина эшикти ичинен бекитип алдыга өттү да шляпасын өйдө кылып:

- Саламатсызбы, таеже? - деди эле, Клара аны карап чоочуп кетти:

- Жакшы, жакшы, - тайсалдап калды.

- Сизди таап алганым жакшы болбодубу? - деп көзүн кыса күлүп койду.

- Ай кыз, сен мени бирөөгө окшоштуруп жатпа, мен сени тааныбайм! - деди анан ал.

- Тажездем тааныса керек, сиз тааныбасаңыз? - ал жанында турган Толикти карады, - Сиз жакшы тааныйсыз, ээ?

- Бул кайдагы кыз, тобо азыр кыздар эмне болуп баратат деги? - Клара калп эле наалый кетти, - Кыздар болгула, мен жабам!

- Сиз бүгүн жаппай эле койсоңуз таеже, соодаңыз жакшы болот, - Карина Кларанын жанына өттү, - Сиздей таежемди тапканыма кубанып турам, - деп курбуларына дагы айтпай катып алган бычакты оңойлоп ала койду да ага такап, - Мендей жээниңиз сагынып келди сизди, эмнеге тааныбай атасыз?! - деп кыйкырганда кыздар андан коркуп кетти, бирок билгизбей диктофонду ачып туруп калышты.

- Эмне дейсиң, мен сени тааныбайм!

- Анда тааныбаган бойдон тиги жайга кете бересиз, - деп бычакты кекиртегине алып баратканда Толик бери басты эле, - Токто, экөөңдү тең өлтүрөм азыр, менин бир түнүм силердин болоор болбос акчаңарга эмес, өмүрүңөргө тете! - деп бакырды, - Жооп бер, эмнеге мени шылдың кылгыңар келди, өчүңөр бар беле, айт дейм!

- Сен бизди чаташтырып жатасың, сени биз тааныбайбыз.

- Кана, акыркы жолу сурайм, болбосо өмүрүңдү менин абийирим үчүн садага чабасың, тирүү калам деп ойлобо! - теп тигиге бычактын учун тийгизе такап койду эле:

- Жанымды кыйба кызым, баарын айтам! Мунун баарын Эрландын апасы кылган, сени келин кылгысы келбейт, баласына ыраа көрбөйт! - деди жанталаша.

- Анан канча турду менин абийирим?

- Он миң сом!

- Акмактар! - деп Карина аны түртүп ийди, - Болду, мындан артык далилдин мага кереги жок! - Карина эшикти ачты эле Кумар менен Сапар кирди. Кумар визиткасын көрсөтүп:

- Сиз участкага барып арыз жазасыз, бул кызды шылдың кылганыңар үчүн сураласыз, жооп бересиз, - деп Толикти карады, - Сиз дагы.

- Айланайын эртең барайынчы, өзүм эле барам!

- Болбойт, - деп экөөнү алдына салып алып бөлүмгө келишти.

Карина арызын жазып таштап коюп кетип калышты. Үйүнө келишкенде Марина:

- Ой, сен тим эле кинодогу каармандай болуп кеттиң го, Карина? - деп күлүп калды.

- Чын эле, мен дагы кино көрүп аткандай туруп калыптырмын, - Эки кыз каткырып күлүп алышты.

Чогуу отуруп Каринанын үйүндө тамактанып сүйлөшүп отурушту. Кызыгы, ошол күндүн эртеси Эрлан келип кечирим сураганда Карина үн деген да жок, мостойо карап туруп көптөн кийин гана:

- Мен сени тааныбайм, сен кимсиң? - дегенде ал чыдабай кетти.

- Карина, кечир мени, күнөө менин апамдан кетиптир. Кечир мени Карина, мен сени сүйөм!

- Азыр кетип кал, милиция чакыра электе, мен сени тааныгым да келбейт! Жогол деп атам! - Карина аны түртүп жиберди.

Эрлан ордунан туруп чыгып кетти. Таш жүрөк кыз турган ордунан козголбоду: "Колунда байлыгы болгон менен жандүйнөсү жарды бечаралар, мен да жакшы үйбүлөдө чоңойгом, "аял аялга душман болсо эки шаар талкаланат, эркектер душмандашса достошуп тынат" деп туура айтылган, атам апама өчөшпөй койсо баары ордуна келмек" деп мелтиреп тура берди. Эки курбусу кетип жалгыз калган. Эч нерсеге көңүлү келбей уктап калган экен, телефон чырылдап калды, саатты караса эртең мененки он болуп калыптыр. Трубканы ала койсо Сумира экен:

- Ало, Карина, сенсиңби? - деди.

- Ооба, сен кимсиң?

- Мен Сумира, Карина сен уктуңбу?

- Эмнени?

- Эрлан муунуп өлүптүр!

- Эмне-е?

- Ооба, кечээ кечинде өлүп алыптыр!

- Ка-антип? - Карина трубканы кармаган бойдон туруп калды.

Көз алдында өзүнөн кечирим сурап келген Эрландын элеси: "Кечир мени Карина, апам күнөөлүү" дегени кулагына угулуп, турган жерине кулап түштү. Сумиранын: "Карина, сага эмне болду, мени угуп жатасыңбы, сүйлөбөйсүңбү, Карина дейм!" деп көпкө чейин үнү чыгып жатты. Жооп болбогон соң Сумира үйүнөн шашып чыга жөнөдү. Келгиче ар кайсыны ойлоп жетип келсе эшик ичинен илинүү экен. Эшикти буздуруп кирсе ал сулк жатыптыр. Колдорун кармалап тез жардам чакырды, тез жардам келгенче Карина өзүнө келген жок, аны дароо ооруканага алып кетишти. Сумира аны менен кошо барды. Аерден Маринага чалып чакырып, болгонун болгондой айтып берди. Экөө сыртта күтүп орундукта отурганда врач чыкты, экөө ордунан тура калышты.

- Доктор, Каринанын денсоолугу кандай?

- Силер кимиси болосуңар?

- Биз курбуларыбыз, абалы кандай?

- Жаман эмес, бир аз жүрөгү начар, бир жума жатып дарыланышы керек, боюнда бар экен, күйөөсү барбы?

- Жок... - Экөө бири-бирин карады.

- Эчтеке эмес, денсоолугун жакшылап алгыча биерде болот, ата-энеси болсо жолуксун мага!

- Биз кирип чыксак болобу?

- Тез кирип чыккыла, көпкө сүйлөгөнгө болбойт, - врач басып кетти.

Марина менен Сумира кирип келгенде Карина көзүн ачып жаткан экен.

- Карина, абалың кандай?

- Өзүңдү жакшы сезип калдыңбы?

Экөө эки жагынан келип өөп алын сурап атканда:

- Эрландын өлгөнү чынбы? - деп сурады Карина.

- Ооба... - дешип эки кыз бири-бирин карап калганда ал ыйлап жатты:

- Мен да өлүшүм керек, мен эми тирүү жүрө албайм! Аны мен өлтүрдүм, өзүмдүн кара мүртөздүгүмдөн болду...

- Койчу Карина, ал өлсө сен балаң үчүн жашашың керек, сага көп ойлонгонго болбойт деди доктор, сен эми балаңды сакта!

- Марина туура айтат, балаң менен өзүңдү сакта, Карина!

- Жо-ок кыздар, Эрланды мен гана өлтүрдүм, аны укпай өзүмчүлдүгүмдү карматтым... - Ал ыйлап жатты дагы өңү бозоруп барып жатып калды.

- Доктор, доктор! - Марина коридорго чуркап чыкты, сестра жүгүрүп келди:

- Эшикке чыгып тургула, абалы оор, - деп колундагы ийнелерин жакшылап карап, кайра жамбашына укол сайды, - чыгып тургула, азыр врач келет!

Эки кыз чыгып баратканда врач кирип келди:

- Баргыла, эртең келгиле, эс алсын, - дегенде алар башын жерге сала чыга жөнөштү.

Сыртта караңгы түн болгондуктан Каринанын үйүнө эптеп жетип жатып алмак болуп келатышканда алардын артынан үч-төрт бала көрүп кууп жөнөдү. Коркуп кеткен кыздар качып баратты.

- Эй кыздар токтогула, биз менен көңүл ачсаңар кайдыгер калбайсыңар! - деп кубалап келаткандар каткырып калды.

Жүгүрүп кетип атып Марина жыгылып кетти, аны Сумира колунан тартып тургузганча жетип келип бириси:

- Сулуу кыздар экен, бүгүн бир жыргайт экенбиз, - деди.

- Чынында сулуу кыздар экен, - деп тегеректеп калганда экөө ызылдап:

- Жарда-ам, жардам бергиле!

- Жардамга! - деп кыйкыра башташты.

Балдар ал экөөнү кармап калганда жулунуп түртүп ыйлап кыйкыра беришти эле, ооздорун бекитип сүйрөп жөнөштү. Марина анын колун күч менен тартып:

- Жардамга-а! - деп үнү үзүл-кесил чыкканда алды жактан үч-төрт караан көрүндү.

Булар алаксып калганда, Сумира:

- Жардам бергиле, бандит... - дегиче балдардын бири анын оозун бекем баса калды.

Алдыдагы караандар жетип келип калганда, жанагылар кыздарды койо берип качып жөнөштү. Кыздар экөө тең жыгылып кетти.

- Эй, эмне караңгыда жүрөсүңөр? - деди жетип келгендин бири, - кайдан келатасыңар?

- Биз ооруканадан келатканбыз, - Марина бутунун ооруганына чыдабай ыйлап ийди.

- Өзүңөр менен жүргөндөр эмеспи? - деди бири жылмая. Көрсө алар түнкү сакчылыкта жүргөн милициялар экен.

- Жок-жок, биз курбубуз ооруп ооруканадан келатканбыз.

- Мейли баскыла, кайда барасыңар? - деди бири, - биз жеткирип койолу, - дегенде коркуп калган кыздар акырын көз кыйыгы менен карап:

- Жакын эле калды, жетип алабыз, - деди калтырай Сумира.

- Коркпогула, биз силерди аман-эсен жеткирип койобуз.

- Рахмат, - деди Марина, - Бул эле жерде, - деп кабат үйлөрдү көрсөттү.

- Анда карап турабыз, кирип кеткиле, экинчи минтип караңгыга калбагыла, - деп милийса барлар кала беришти.

Элеңдеген кыздар подъездге кирип үчүнчү кабатка чыгып үйдү ачып киргенде карашса экөөнүн тең тизелери сыйрылып кетиптир. Эптеп бирдеме алып сыйпап отуруп чарчагандай уйкуга киришти. Эртең менен эшиктин такылдаганынан ойгонуп кетип каалганы ача койсо эки аял, бир эркек туруптур.

- Карина деген кыз ушул үйдө турабы? - деди аял.

- Ооба, бирок ал азыр жок, сиздер эмнеге?

- Каринаны алып келгиле деп жиберген, Эрланды акыркы сапарга узатаарда анын башында болсун деди атасы.

- Аа-а, ал ооруканада, - Марина Сумираны карады.

- Ооба, ал азыр баралбайт, Эрландын өлгөнүн угуп ооруп калды, эч нерсе сезбей жатат!

- Алда-а бечара ай-яа, жаман болгон тура, кой биз барып аны күтпөй койо бергиле дейли анда, - деп жөнөп кетишти.

- Эми эмне болот?

- Кайдан билем? - экөө ойлонуп бир аз турду да, - Кой биз андан кабар алалы, - Марина курбусун карады. Экөө шам-шум этип алганга чай коюшту.

Анан экөө ашканада отуруп чай ичишти.

- Каринага жегидей бирдеме алып алыш керек?

- Чын эле, эчтекеси да калбаптыр, мен Сапарды чакырып акча ала кел деп айтайын, - деп Сумира айтканда Марина аны токтотуп:

- Мен өзүм айтпасам ал сага ишенбей койбосун? - деди.

- Ошент анда, бизде азыр жолубузга эле калган да.

Экөө кеңешип Сапарды чакырып күтүп калганда эшик кайрадан такылдады.

- Ким? - деди Марина.

- Ачып койгула, - деди эркектин үнү.

- Силер кимсиңер?

- Биз эле, ачсаңар сүйлөшөлү.

- Ачпайбыз.

- Мен Эрландын агасы болом, - дегенде ачып ийди, - Кыздар, мен сөзсүз ал кыз менен жолугушум керек!

- Ал азыр эч нерсе билбейт, - деди Сумира.

- Анда бул катты берип койгула, биз дагы келебиз, - деп чыгып кетти.

Эки кыз катты окуп кирди:

"Ата, мени кечириңиз, мен сизге ыраазымын, апам болбогондо үйлөнүп мен дагы бактылуу болмокмун, эми кеч болуп калды, өмүрдү кыска кылып берген экен кудай. Өкүнөм, өзүм каалагандай жашай албай, каалаганыма жетпей арманым ичте кетти... Неге апам мага душманга кылбасты кылды? Эгер апам көр дүйнөнүн кулу болбогондо Каринага үйлөнөт элем, ал силер ойлогондой жеңил кыз эмес, балким ал эмгиче ичиндегисин алдырып салды, апамдын кылган кылыгы үчүн анын жүзүн кароодон көрө өлүм жакын болду мага, кошкула, ата-апа! Силердин жалгыз көчөт уулуңар Эрлан".

Экөө окуп жатып ыйлап жатканда Сапар кирип келди. Аларга карап таңгала колундагы кагазды алып окуп көрүп:

- Эмне, Эрланга бирдеме болдубу? - деди.

- Ал..., аны бүгүн койот экен...

- Койчу? - Сапар уккан кулагына ишенбей турду, - мен уккан эмесмин.

- Укпасаң ошол, Карина ошон үчүн эс учун билбей жатат.

- Кайда?

- Ооруканада.

- Кой анда, ага баралы, - деди Сапар кыздарды шаштыра, - Качан жатты эле?

- Кечээ, - Марина болгонду айтып ооруган бутун көрсөттү, - Сумира экөөбүз аз жерден калдык.

- Этиет болбойт белеңер, кеч болсо ошол жерде эле калсаңар болмок, жүргүлө эми.

Алар келгенде Карина эс алып кроватта отурган экен. Ал-абалын сурап үчөө анын жанында көпкө турушту. Марина менен Сумира бири-бирине көздөрүн ымдай катты берер-бербесин билбей атканда Сапар Каринага байкатпай, тигилерге башын чайкап койду. Алар унчукпай калышты.

- Эрланды кайда койорун билбедиңерби? - Карина аларга күтүүсүз суроо берди.

- Жок, билген жокпуз.

- Эгер мени курбум деп санасаңар анын кайда коюлганын билип бергиле!

- Карина, туура айтасың, мен аны койгонго жетип калышым керек. Силер отура бергиле, өзүңдү кара, Карина! - Сапар шашып жөнөдү.

- Эми койот бекен? - Карина аларды жалдырай карады.

- Ооба, бүгүн чыгарат экен, сен ооруп калба, сак болчу, ойлонбочу? - Экөө ага алып келгендерин берип алаксытып жатышты, баары бир Карина кабагы ачылбай үнсүз аларды жалдырап карап тура берди.

- Бирдеме ичип алчы Карина, ооруп каласың, сен ооруй берсең ичиңдеги балаңа жаман, аны сен денсоолугун таза төрөшүн керек!

- Келчи, бир аз эле шам-шум этип алчы!

Карина өзүнө жалдырап жанында отурган курбуларына ыраазы боло:

- Алтышкаларым, силер болбосоңор мен кантет элем? Силерге ыраазымын, эмнеге жапжаш туруп эмнеге боюма болтуруп алдым? Мени урушсаңар боло, кайра төрөп ал дебей, - Карина аларды кучактап алып ыйлап турду, - Урушуп койгулачы, менин апам, атам жанымда жокто силер мага жөлөк болдуңар, мени урушкулачы?!

- Карина, эмне деп атасың, сүйүүңдөн тапкан балаңды ая!

- Сен эне болосуң, биз чогуу багабыз аны! - Экөө эки жагынан көзүнүн жашын аарчып отурганда врач келип калды.

- Болду, курбуңар эс алсын, тынчтык керек буга.

- Агай, мен кете берсем болобу, өзүмдү жакшы сезип калдым, - Карина докторду карады, - Уруксат бериңизчи, кете берейин.

- Жок, дагы эки күн жатып дарыланышың керек, анан жооп берем.

- Карина, биз бара берели, сен жакшылап дарылан, - Марина менен Сумира өөп коштошуп чыга беришти.

Алар катты беришкен жок. Үйлөрүнө кетип жатып алар бири-бири менен өбүшүп:

- Эртең оорукананын жанынан жолугалы, мен бүгүн барбасам болбойт, - деди Марина.

- Сапарыңды сагындың го ээ? - Сумира ага сырдуу карап койду, - Макул, жакшы бар.

- Өзүң дагы, - Экөө бөлүнө бергенде жанына машина токтоп, Маринанын апасы көрүндү.

- Марина!

- Мама, сизби?

- Кайда жүрөсүң, үйүңө чалсам эч ким албайт да, Сапар кайда?

- Ал азыр үйгө барат, - Марина машинага отурду.

Гуля кызынын бетинен өөп:

- Алтын кызым, сени ушундай сагынып кеттим, тиги сенин курбуңбу?

- Ооба апа, биздин дос кызыбыз ооруканада, ошондо жүрдүк, - деди Марина.

- Садагам десе, сенин ушундай жакшы курбуларың бар тура, коркуп кайдан издээримди билбей бараттым эле, токтотчу! - деди айдоочуга, Сумиранын тушуна келгенде, - Кел кызым отур, Маринанын сендей курбуларын сыйлап койойун... - Сумира отура бергенде, - Айда, жакшы кафеге алып бар, - деп буйрук берди.

- Мм, апа эмнеге кафеге, - Марина апасына таңгала карады.

- Сен жакшы кыздар менен жүрүп мени кубантып койдуң, - деди Гуля, ал азыр оюнда Маринаны дагы нашаа чегип бир жерде жаткандыр деп ойлоп келаткан, анысын айтпай, - Кызым менен жакшылап таанышып алайын, мындан ары кыздарды үйгө алып барып тур, макулбу кызым? - деди, - Атың ким, кызым?

- Сумира.

- Жакшы атың бар экен, ооруп жаткан кыздын атычы?

- Карина.

- Карина? - Гуля атты кайдан уктум эле дегендей ойлонуп калды, - Кайдан уктум эле...

- Ой мама, окшош аттар көп да, - Марина апасына эркелей карап койду.

- Жо-ок кызым, Жамгырбек Мусаевичтин уулун бүгүн койбодубу, ошондо уккан экемин...

- А сиз аны кайдан тааныйсыз?

- Апей, ал атаңдын абдан жакшы досу да?

- Коюп коюштубу?

- Кызды сөөк койгонго алып келмек болуп атканда анын ооруп калганын угуп коюп койду. Байкуш Жакеме жаман эле болду, жападан жалгыз уулу болчу, биз мурдатан эле анын баласы экөөңдү үйлөнтөбүз деп сүйлөшүп койгонбуз, сен тигинтип жүрүп алганыңдан атаң ага "кой, достугубуз эле калсын" деп койгон, көпкө таарынып жүрүшпөдүбү.

- Кыз-зык, Эрлангабы? -Марина ойлуу отуруп калды.

- Аны билчү белең?

- Биз чогуу, Сапар, Карина, болуп дайыма бирге жүрчүбүз да...

- Анда ошол, бечара өзүн асып алыптыр, ал кыздын боюнда бар имиш деп атышат, - Гуля уккандарынын баарын айтып кетип атты.

Аңгыча кафеге жетишип, шоопур машинени автожайга токтотту.

- Апа, кереги эмне, үйгө эле барганда болмок, - Марина апасын карап мурчуюп койду.

- Бул жерде ээн-эркин сүйлөшөбүз, кызым, - Гуля алдыга кирип барып бурч жактан орун алып үчөө отуруп калды, бир аздан кийин, алдыга тамактын түрлөрү келди, андан кийин кока-кола баш болгон суусундуктарды алып келип коюп жатканда Марина дагы мурчуңдады, ага Гуля болгон жок, үчөө көпкө отуруп тамактанып атканда, - Кызым, эми сен, кудайга шүгүр, чоңойдуң, Сапар экөөңөрдүн тоюңарды берсек боло, анын ата энесине айтып үйлөнүшүңөр керек, - деди эле Марина секирип кетти.

- Ма-ам, адегенде Сапар менен өзүм сүйлөшөйүн, анан...

- Эмне, ал сага үйлөнгөндөн баш тартат беле?

- Жо-ок, бирок баары бир биз сүйлөшүшүбүз керек да?

- Маакул, үч күн уруксат берем, - Гуля кызынын башынан сылап койду, - Кызым, сен чоңойдуң, Сапардын ата-энеси кайда иштейт, кандай адамдар экенин билесиңби?

- Мына ушинтесиңер ср-разу! Анын ата-энеси карапайым адамдар, силерге тең эмес! - Марина ары карап кетти.

- Ошону билип туруп... - Гуля дароо өзүн токтото калды, - Макул-макул, эмнеси болсо да өзүңөр бири-бириңерди жактырсаңар болду.

- Эже, Сапар менен Марина бири-бирин аябай сүйөт! - Сумира ортодон чыга калды, - Буларды бөлүүгө мүмкүн эмес!

- Ыраспы?

- Ач-чык чындык!

- Анда атаң менен сүйлөшөм да экөөңөрдү үйлөнтүп койолу.

Марина бул жолу унчукпады, жүрөгү тынч ала түштү, ал ата-энесинен ушул жагынан чоочуп жүргөн: "Демек каршы болушпайт" деп ойлоп калды. Кафеден чыгып Сумираны үйүнө жеткирмек болуп ага кайрылды эле, ал:

- Мен мындай эле кетем, убара болбоңуздар, - деп түшүп басып жөнөдү.

Анын ата-энеси батирде тура турган, ошондон уялды. Кол булгалай коштошуп алар жылып кеткенден кийин өзү жөнүндө ойлонуп баратты: "А менин Сапарым жакшы адамдардын баласы, ал мага үйлөнөм десе да макул болбойт го, мен андан ушундайда алысташым керек, өзүмө теңди табаармын" деп көзүнө жаш кылгыра басып кетип атты, ал ушул учурда ата-энесинин колунда жок жашагандыгы үчүн күнөөлөп жатты, "Эгер алар да колунда бар болгондо мен корунмак эмесмин, Сапарга да басынбайт элем" деген ойдо сабыры суз үйүнө келди...

Карина өзүнө келип, жакшы болуп калгандан кийин да Эрланды ойлой берип кыжаалат болуп атты. Сумира күнү-түнү жанында, батирден көрө бул үй ага абдан жакчу, күндө душка түшүп, музыка угуп отура беришет, кээде Сапар келип отуруп кетет. Бир жолу экөө отурганда эшик чыр этти, барып Карина ача койсо Имарат экен:

- Папа! - деп мойнуна асылып калды, - Без тебя мне скучно, папочка!

- Кызым, - Имарат дагы аны чачынан сылап, чекесинен өөп, - Кыйналган жоксуңбу? - деди анан үйгө кирип.

- Баары жакшы, пап, сагындым силерди! Эмирлер жакшы жүрөбү, чоң атам кандай жүрөт?

- Жакшы, алар салам айтты. А баса, чоң атаң сени өөп кой дебеди беле, келе гой кызым, - деп аны кайра кучактап эки бетинен өптү. Бир топ тамак аш, эт алып келген, аларды үйгө киргизип муздаткычка салды да, - Кызым, мен кайра эле кетем, окууң кандай? - деди.

- Жакшы эле... - Дароо Сумираны карап оозун сөөмөйү менен басып "унчукпа" дегендей болду.

- Компьютерди балдарга алып барып бербесем болбойт, зеригип кетишти.

- Аа-а, - Карина башын ийкеп тим болду.

Имарат компьютерди, балдарынын дагы башка оюнчуктарын баарын алып чыгып машинасына салды да:

- Жакшы оку, кызым, - деп чачынан сылап машинаны айдап жөнөдү.

Аны узата карап турган Карина атасына ыраазы болуп турду: "Өз атам болсо болмок, апамды жек көрөм, эмнеге бир адам менен жашабай мени ортодо кыйнады, кантип мен анысын ата демек элем?" деп ызалуу үйгө кирди. Анан Сумираны карап:

- Тамак жасачы, Сумира, - деди.

- Макул, сен эмнеге капа болуп калдың Карина? Кандай жакшы атаң бар, жалгыз башыңа үч бөлмөлүү баардык шарты бар үйдө турасың, минтип сени кыйналбасын деп акчасын, эт ашын даярдап келип турат, эмне арманың бар деги?

- Арманым деле жок Сумира, ошол бактым тоодой үчүн ыйлап жатам!

- Жинди десе, бакытты көтөрө албай ыйлаган болбойт, мен ата-энемдин жардылыгына ыйлайм кээде. Сапардан корунам, эгер ал "үйлөнөм" деген күндө да ата-энеси мени кабыл албайт болуш керек, ошон үчүн андан, өзүмдөн өзүм качкым келет, Карина!

- Силер бири-бириңерди сүйөсүңөр да?

- Ошол сүйүүдөн да качкым келет Карина, жупуну, жарды үйдө жашаганым, төрөлгөнүм үчүн!

- Койчу Сумира, кайдагыны айтасың да! Мына мега Марина экөөңөр дайыма акыл айтып: "балаңды сакта, сүйүүңдүн белегин сактап жарыкка чыгарышың керек" дебедиңер беле, эми мен минтип ичиме баардык арманымды, сүйүүмдү көтөрүп жүрбөймбү, ичим чоңойгондо көрсө атам эмне болоор экен?

Экөө бир ыйлап, кайра бири-бирин сооротуп отурганда эшик чыр этти:

- Сапар келди! - Сумира жүгүрүп барып эшикти ача койгондо чоочун аял турган эле, Сумира кетенчиктей түштү, - Сиз кимсиз?

- Карина барбы, кызым?

- Аа-а ооба... - деп аны койо бергенде ичкериден Карина үн салды:

- Сумира, ал ким?

- Саламатсыңбы кызым, - деп анын үнүнө жооп кылып Сонунбү кирип келди.

- Сиз... - деп Карина тура калды.

- Отур, отура бер кызым, - Сонунбү Каринанын маңдайындагы отургучка отуруп, - Кызым, мени кечир... - деп көзүнө келе калган жашын аарчып ойлоно аны караганда Карина:

- Сиз... - деп келатты эле дагы токтотту:

- Ооба кызым, Эрлан менин жалгыз уулум эле, эми ал жок... - бышактап токтоду, - Биз сени үйгө алып кетели деп чечтик...

- Эже... - Карина жер карап туруп, - Эрлан барында болсо болмок, эми кеч болуп калды, убара болупсуз...

- Анте көрбө, кагылайын, күйөөм мени үйгө киргизбейт, "уулумду сен эле өлтүрдүң!" деп мени урушуп атат.

- Мурун ойлосоңуз болмок, эми эч качан барбайм. Сиз менен сүйлөшө турган сөзүм жок, мен өзүм ооруп атам, тынчымды албаңыз! - Карина үйүнөн чыгып кетмек болгондо Сумира аны токтотту:

- Карина, улуу киши алдыңа келип атканда андай кылба, мейли барба, бирок сен аны менен сүйлөшүп кой да, ага деле кыйын...

- Сумира, мен азап тартып көз жашымды төгүп атканда өзүң жанымды болдуң... - Карина канчалык өзүн кармаган менен ыйлап ийди, - Эрлан экөөбүз тоскоолдук болбогондо бул кишинин алдында ийилип кызмат кылууга даяр элем го, эми ал жо-ок!

- Кызым айланайын, мени кечир, көп кейибе, ичиңдеги баланы аман эсен төрөп бер! - Сонунбү Каринаны келип кучактап калды, - Мендей акылсыз аялды кечире көргүлө, мен мындай болуп кетээрин билбей калдым, оо шордуу башым!

- Сиз эмнени айтып жатасыз? - Карина эч нерсе билбегендей аны атайын суутмакка, - Мен алда качан алдырып койгом! - деди андан боюн ала кача, - Атам да кадыр-барктуу адам, эрсиз төрөсөм ага да уят, кадырына доо кетмек...

- Коку-уй кызым, эмне деп атасың?! Мен эми өлгөн турбайымбы! "Жалгызымдан тукум калды" деп атасы өзүн алаксытып жүргөндө… Оо кудай, ушундан көрө мени неге албадың! - деп отуруп алып ыйлап жатты.

Карина үнсүз ары карап тура берди: "Мен кандай азап тарттым, бул да кыйналсын, мендей болуп сыздасын, теңине албаганын көрөйүн. Төрөсөм да сага көрсөтпөйм, Эрландан калган баламды өзүм гана багам, атам мага түшүнөт, мени кечирет" деп ойлоп атты ал.

Көптөн кийин ыйлап басылган Сонунбү ордунан туруп жөнөдү:

- Макул кызым, баары бир биз ишенбейбиз, сени сыртыңдан карап багып турабыз, бизден жашыра албайсың. Сага түшүнөм, карайып алыпсың, кечире албасыңды да билем, анткени жашсың, курч убагың, аман бол кызым! - деп чыгып кетти.

Сумира менен Карина үнсүз эки жерде туруп кала беришти.

- Карина, сен туура эмес кылдың, кандай абалда турганын көрдүң го, тагдыр ага жалгыз баласын буйрубай бир сыздатса, сен эки сыздатып койдуң!

- Ал да көрсүн, менин кандай намыстуу, эрктүү экенимди, тартсын ал дагы азапты, эгер ошол болбогондо Эрлан өлмөк эмес! - Карина ары караган бойдон үн катты.

Ошондо гана эсине келген Сумира Эрландын катын таап ага берди. Марина экөө аны качан жакшы болгондо беребиз деп сүйлөшкөн бойдон унутуп калган эле. Карина аны окуп атып ыйлай берди, кагазга тамган көз жаш катты заматта суу кылып ийди. Карина өз бөлмөсүнө кирип спальныйга кулады. Сумира эч нерсе дей албады, курбусун тыйууга алы да келмек эмес, антмек да эмес, анткени анын жүрөк тушундагы кичинекей бармак басым такка окшогон кара из анын өмүрүндө из салып түбөлүк анын жашоосун өзгөртмөк. Аны ал да билет бирок эч нерсе дей албай тамак жасоого киришти. Каринанын кайгысын тең бөлүүгө кудурети жетпеди, тамагын жасап чайын кайнатып күтүп атканда эшик шыңгыр этип Сапар менен Марина келди, анын артынан Сумиранын Сапары келди. Чогуу тамактанып отурушуп баарын сүйлөштү.

- Сапар, сен Маринаны сүйсөң үйлөн, - деди Сумира экөөнү карап.

- Ооба, биз баары бир үйлөнөбүз, - деди Сапар ага карап.

- Сен Маринаны алдайсың, мейли, бирок улуу кишилерди алдай албайсың, анткени Маринанын апасы мага жолугуп эмне деген гана сөздөрдү сүйлөбөдү! Эне-ата бала үчүн баарын жасайт, а бала ата-эне үчүн эчтеке жасай албайбыз.

Сумира муңайым айтып отурганда Сапар:

- Сумира, кечир эгер менден кетсе, бирок мен түбөлүк Марина менен калгым келет, колуңардан келсе жардам бергиле, сураныч, - деди.

- Силер үчүн эч нерсемди аябайм, сүйүү өмүрүңдү сүйүп өтүү, эгер сүйө албасаң өмүрдөн өксүп өтүү, мен өксүп өткүм келбейт, - Сумираны карады Сапар, - Өмүр жыргал, өмүр жашоо, улануу! Демек, биздин өмүрүбүздү улантуучу балдарды биз өстүрүшүбүз керек!

- Мен жашоону жашап өттүм, токсондогу кемпир мен билгенди билбес чыгар, - Карина сүйлөгөндө баары үндөбөй калышты, - Мен көп нерсени аз жашоомдо түшүнүп калдым, - Карина айланта карап курбуларынан жооп күткөндөй болду, - Балким мен жаңылып жаткандырмын, бирок жашоо өтө татаал, сен куруп бүтүрө албаган имарат сыяктуу тура!

- Туура айтат Карина!

- Сен сексендеги кемпирдей акылдуусуң го?

- Мынчалык муңдуу болбочу Карина, сен жашашың керек, али жашсың, эч нерсе көрө элексиң!

- Кой, антсеңер мен өзүмдү токтото албай өмүр бою жер кезип кетип калуум мүмкүн! - Карина муңкана отуруп калды.

- Достор, келгиле ырдайбыз, бийлейбиз, - деди Сапар.

Ал азыр Сумиранын көңүлүн таба албай турган. Сумира андан алыстоонун амалын таппай өзүнчө кыжаалат:

- Сапар, сен мени кечир, мен сага тең эмес экенимди сездим. Сезээрим менен сени кыйнагым келбей турат, ушундайда сен өз бактыңды тап, менден издебе башкадан изде бактыңды, мен сени бактылуу кыла албайм! - деп аны жайкаганда Сапар:

- Эмне деп жатасың Сумира, мен сен деп жүрөм го? - деди.

- Жок, мен сага татыктуу эмесмин, - Сумира жер карап калды.

- Сен анда өзүңдү менден ала качып жатыпсың, эгер мени сүйсөң минтпейт элең.

Жигиттер унчукпай калышты.

- Кыздар, бир азга бизге көңүл буруп койосуңарбы? - деди Марина, - Биз эмки жумада үйлөнөбүз, Сапар экөөбүз биргелешип чечиштик!

- Куттуктайбыз!

- Молодцы!

- Бактылуу болгула, - Сапар ордунан туруп досу Сапардын колун кысты, - Куттуктайм дос, силерден кийин Сумира экөөбүз үйлөнүп, татыктуу, бири-бирибизди сыйлаган достордон бололу. Марина, бактылуу болушуңарга тилектешмин! - деди.

- Рахмат, силер да бактылуу болгула!

Жаштар уу-дуу болуп шарактап жатышты. Карина өзүнчө ойлуу: "Эгер азыр Эрлан болгондо ал дагы ушинтмек. Мен бактысыз турбаймбы, неге эртелеп жаныңдан кечтиң, Эрлан? Билбей калбадымбы антээриңди.. Мени томсортуп кеттиң го, бүт өмүрүмдү азап менен өткөрөм го сенсиз, сенин уулуңбу же кызыңбы, көтөрүп жүрөм, ал менин сүйүүмдүн далили, мен аны көзүмдүн карегиндей сактайм. Сенин мага деген сүйүүңдөн үрөн калтырып кеттиң, ушуга канимет, жаткан жериң жайлуу болсун, Эрлан" деп улутунуп сыртына чыгарбай умсунуп алды.

Курбулары көпкө шарактап отуруп анан үйлөрүнө тарады. Бул жолу дагы Сумира анын жанында калды. Ошентип көңүл чөгөргөн күндөр билинбей өтө берди. Карина өз оюнда айылга ичи билине электе бир барып келгиси келип турду, бирок өз оюндагысын аткаруу үчүн азыр болбосун билди...

Карина кечке маал үйдө отуруп тажагандан сейилдеп чыккан, Сумира кеткен бойдон келбей калды. Жалгыз өзү ого бетер зеригип ары бери басып жүргөн, ичи бир аз билинип калган эле. Сонунбү аны алыстан көрүп ичинен тынып тим болду: "дагы он, он беш күндөн кийин үйүнө барам, ичин кайда жашыра алат? Уулумдан калган туякты сөзсүз алышым керек", деп ойлоп кете берди. Эртеси түш ченде эшик такылдаганынан чыкса бейтааныш бирөө, коробкага тамак аш, витаминдүү алма, мейиз, жаңгак, эт кылып толтура алып келиптир.

- Булар кимге? - Карина таңгала сурады андан.

- Сизге чоң кыз, атаңыз берип жиберди, - деп дароо киргизди да кетип калды.

Ошондон баштап ага посылкалар үстү-үстүнө келип турду. Карина кийинчерээк түшүнүп калды, бирок унчуккан жок. "Эмнеге жашырышым керек, баланы мен төрөгөн күндө дагы алардын баласы, жалгыз баласынан айрылып кан жутуп турган адамдарга кайрадан уу ичирүүнүн кереги не? Мен өз өчүмдү алдым, намысымды коргодум, жетээр ошол мерездик кылганым" деп ашыкча сөз айтууну эп көрбөдү. Төрөөр күнүнө аз калганда Сумира дайым жанында болуп атты, ага карап Сапар дагы аерден кетпейт. Каринага алар эрмек болуп көңүлүн көтөрүп турушат.

Каринанын айы-күнү жетип, отуруп-туралбай калган. Карина түшкө чейин уктап, Сумира аны ойготуп тамак ич деп атканда эшикти бирөө каккылады. Сумира жетип ача койсо Сонунбү туруптур:

- Келиңиз, - Сумира артка чегине берди.

- Кандай кызым, жакшы турасыңарбы?

- Жакшы, кириңиз.

Сонунбү кирип келгенде Карина не кылаарын билбей калды, ал диванда отуруп жаш балага байпак токуп аткан.

- Денсоолук кандай кызым? - Сонунбү анын жанына отурду.

- Жакшы...

- Кыйналбадыңбы кызым, врачка көрүнүп атасыңбы?

- Жок.

- Ошо кантип болсун! Баланын, сенин денсоолугуң үчүн врачтын кеңеши жакшы эмеспи. Биринчиң, анан да өтө жашсың, кийин дагы жашаш керек? - Ал Каринаны сынай карады, - Эгер макул болсоң өзүм врачка көрсөтүп келейин азыр, дайындап да койом.

- Карина, эже туура айтат, сен сөзсүз көрүнүшүң керек, аз калбадыбы? -Сумира аны коштой сүйлөдү.

- Тилимди ал кызым, кекти капырга берген экен кудайым, башканы кектесең да жарыкка келчү наристени, өзүңдү кектебе.

Сонунбүбү аны акырын айтып көндүргүсү келди, улоо тайдай секирген секелекти чоочутуп алгандан коркту: "ушу көчөт кыздын ушунчалык күчүнө баш ийип бердим ээ, кантсе да уулумдун эстелиги үчүн жөрмөлөп бутунан кучактасам да кайылмын" деп мелтирей ойго батты.

- Карина, көрүнүп келесиңби, апаңдай киши сенден жооп күтүп атат!

- Азыр... - Карина ордунан зорго туруп бөлмөсүнө киргенде Сумира кошо кирди. Карина кийине албай дайым кыйнала берчү, ичи өтө чоң. Эптеп жатып кийинип, Карина Сонунбү менен ээрчише сыртка чыкты, ал аны колтуктап алып үчүнчү кабаттан түшүп эшиктин алдында турган машинага отургузуп алып жөнөдү. Аны көргөн врач:

- Ушул убакка чейин бир да көрүнгөн жоксуңбу? - деди аны карап.

- Жок, - Карина нымтырай жер карады.

- Эмнеге азыркы жаштар өтө кайдыгерсиңер? Башкага эмес, өзүңөргө да кайдыгер мамиле кыласыңар! Балаң өтө чоң, такыр кыймылдабасаң керек, каның аз, кантип төрөйсүң? - деп урушуп жатканда Сонунбү:

- Рина Касиевна, жакшылап карап койсоңуз, бул менин келиним, жалгыз уулумдун бизге калтырган акыркы белеги! - деди жалдырай.

- Кам санаба Сонунбү, болгону бала өтө чоңоюп кеткен, мөөнөтү болуп калыптыр, бир-эки күндө төрөйт. Баланын да, эненин да денсоолугу үчүн күрөшүшүбүз керек.

- Ооба, экөөнү тең жакшылап карап бериңиз, биз үчүн эң негизгиси экөө тең!

- Эки күн жатсын, керектүү дары-дармектерди алсын, каны да аз экен.

- Жата гой ээ, кызым? - Сонунбү Каринага карады, аны тил албай басып кетеби деп чоочулап аткан, - буттарың да шишип кетиптир, балам.

Карина чындап ойлонду, өзү да отуруп-туралбай кыйналып жүргөнгө макул болду. Аны жаткырып коюп Сонунбү заматта керектүүсүн алып келип берди. Врачтар улам бири келип көрүп, өздөрү да чоочуп атты. Бир кезде бири келип:

- Бул кыз эгиз төрөйт, этиеттеп төрөтүш керек, толгоо башталганда көз болуп тургула, - деди.

Муну уккан Карина коркуп кетти: "экөөнү бирдей кантип төрөйм, кантип эле экөө болмок эле?" деп ишенип ишенбей жатканда ичи бурап ооруй баштады, толгоо экенин билбей жата берип, качан чыдабай калганда жанындагы аялга айтты. Ал туруп барып акушерканы ээрчитип келди. Көрүп эле Каринаны креслого чыгарышты. Ал көпкө кыйналды, айласы кетип эми операция жасаганга даярдап жатканда ачуу чаңырып алды, баары тегеректеп туруп баланын келатканын көрүп:

- Аз калды, бир эле ыйынсаң түшкөнү калды, - деди бири сүйүнө.

Аңгыча дагы бир бакырып кара терге түшкөн Карина эс алып көзү илинип уктап кетип бараткандай болуп сүзүлүп баратканда тургандар дүргүп калышты. Ошол убакта негедир ыйынып жиберди эле бала бакырып түшүп калды, баланын үнүнөн Каринанын көзү ачылып, жүрөгү кубанычтан толкуп алды: "мен эне болдум, мен энемин!" деген сезим башына келип, маңдайында тарбаңдатып кармалап аткан кызыл этке көзү түштү. Аңгыча кайрадан ичи бурап, "булк" этип барып түйүлүп кетти. Көп өтпөй экинчиси "ба-а" деп акушерканын колуна түшүп бергенде баары эс ала түштү. Алар абдан коркуп жатышкан: "он алтыга толуп толо элек жаш кызды кантип төрөтөбүз? Операция гана жасаш керек" деген тыянакта турушканда кубанып кетишти.

Төрөткөн акушерка:

- Азаматсың Карина, сен эне болдуң, болгондо дагы эки уулдуу болдуң! - деди ага сүйкүмдүү карап.

- Эже, экөө тең уулбу? - Карина ишене бербей сураганда ал ары жактагы жаңы эле ороп койгон көзү ачыла элек наристелерди көрсөттү:

- Мына көрдүңбү, татынакай эгиз эркектерди таптың, эми эс ал, чарчадың, - деди.

Жамгырбек менен Сонунбү муну укканда жүрөгү жарыла жаздап жетип келишти. Каринанын үстүнө кирген Сонунбү көзүнүн жашын көл кыла наристелерди колуна алып былбыраган ууртунан өөп:

- Кагылайын белектерим, каралдыларым! - деп ичиндеги арманын чыгара буркурап, анан Каринанын жанына чөгөлөй калды, - Садага болоюнум, ушул наристелерди көзүбүзгө көрсөткөнүңө ыраазымын, өмүр бою сенин көзүңдү карап өтөйүн, кулуң болоюн!

- Коюңузчу, анчалыкка барбаңыз, канткен менен дагы сиздин балаңыздай элемин го? - Карина акырын өйдө болуп боору ооруп кетти, кучактап калды.

Эки аял эки дүйнө, өз ичтеринен өкүнүч, армандарын кубаныч жеңип ыйлап турушту. Бир кезде халат жамынып алып Жамгырбек кирип келди. Ал Каринаны көргөн эмес эле. Жамгырбекти көрүп, Карина кымырыла өйдө болмок болгондо:

- Козголбо кызым, жата бер! - деп келип аны чекесинен өөп койду. Ушул убакта ичи күйүп, өрттөнүп, аргасыздан көзүнүн жашы агып кетти: "Аттиң, ушул кыз үчүн уулумдан ажырадым эле, көрсө ай чырайлуу кыз тура! Сонунбүнүн каршылыгы болбогондо босогомду аттап, ак жоолукту үлпүлдөтө салынып уулумдун жанында жүрбөйт беле?!" деп жүрөгү зыркырай бир демге туруп калды.

- Кана менин уулдарым? - деди анан эсине келе.

- Мына атасы, карачы? - Сонунбү аны ары жакка чакырды, - Мына биздин күчүктөр!

- Туулганына эмес турганына сүйүнөлү кемпир, аман болушсунчу!

Жамгырбек наристелерди алмак-салмак алып өөп, анан чыгып кетти. Анын жандүйнөсүндө арман атылып жатты: "Неге ушул акактай аруу кыз менин эшигиме буйрубады, неге уулумдун колуктусу болуп коюнунда жатпады, оо жараткан, калыстыгың ушулбу?" деп өзүнчө басып сыртта жүрдү.

Сонунбү Каринаны врачтарга дайындап, көрүндүк берип көптө чыкты.

Каринанын эгиз төрөгөнүн угуп курбулары жетип келишти, колдорунда бажырайган роза гүл, аны куттуктап жатышты, анын жаткан жерин көрүп суктанып турду, анткени аны өзгөчө бөлмөгө жаткырышып, бир врач менен акушерка карап жаткан болчу.

Үч күндөн кийин Каринаны үйүнө чыгарып кетишти. Ал барбайм деп айта албады, алардын кайгы-кубанычын өз көзү менен көрүп туруп каршы боло албады. Үйүнө киргизээрде Сонунбү Каринаны босогодон өткөрбөй туруп жоолук салды, Жамгырбек аны тамакка отурганда жанына отургузуп алды:

- Кызым, жалгызым Эрландан калган туяктарды аман-эсен колубузга тапшырганыңа ыраазыбыз, сен ыйыксың, эгиз төрөгөн аял ыйык эне болот, - ойлуу башын жерге салып отуруп, анан, - ушул эки наристе үчүн өмүрүмдү да аямак эмесмин, бирок азыр мен сага, - дегенде Сонунбү дипломат көтөрүп келди, - бул арзыбаган нерсени тартуу кылам! - деди эле Карина: "булар мени балдарды таштап жолуңа түш дегени турабы? Жо-ок, мен балдарымды акчага алмашпайм" деп ойлоду да кайраттана:

- Эрландын арбагы үчүн, анын мага деген сүйүүсүнүн чексиздиги үчүн, сиздердин кайгыдан эзилип, кубанычтан жүрөк жарыла жаздаганыңыздарды көрүп жүрөгүм чыдабай, сөзүңөрдү кайтара албай, эшигиңиздерди аргасыз аттадым, анткени мен дагы ата тарбиялаган кыз элем, жаштыгым, тагдырым тартуулаган белеги сүйүүнүн кулу болдум, сиздер мени акчага алданып балдарды алмашат деп ойлосоңуздар жаңыласыздар! - деди көз жашына мууна, - Мен төрөп таштайм деп сактаган эмесмин!

- Кызым, сени таштап кет дегенибиз жок, бул биздин сыйыбыз, уулдарыбызга берген көрүндүк. Уулубуздун көзү болбосо да үйүбүздүн бир мүчөсү катары берген белегибиз! - Жамгырбек Каринанын аппак жүзү аркылуу агып жаткан жашты сөөмөйү менен сүрттү, - Мындан ары бул жаш кубанычта кана көзүңдү жуусун, неберелеримдин өмүрү узун болуп биздин кубанычыбызды арттырсын, кызым...

Жамгырбек сүйлөп жатып муңканып алды. Андан кийин эч кимиси үндөгөн жок…

Эки балага эки керебет коюшуп, Сонунбү бирин, Карина бирин карап калды. Момурап экөө тең жоош, карды тойсо эле жата берет. Кыркы чыкканча атын коюшпады, кыркын чыгарып андан кийин азан чакырып аттарын койду. Улуусуна Бакберген, кичүүсүнө Кутберген деп ат беришти. Карина курбуларына жолукканда: "атам келсе мага чалып койгула, мени билбесин, өзүм жолугуп келем" деген эле. Ошол күнү телефон чырылдап калды, ал тартынып ала албай калганда Сонунбү:

- Телефонду алып койчу, кызым, - деди жумшак гана.

Барып алса Сумира экен.

- Карина, атаң келгенинен азыр келип калат деп койдум.

- Макул... - деп балдарды терметип отурган Сонунбүгө карап койду, - Барып калам.

- Ким экен? - Сонунбү аны таңгала карап сурады.

- Курбу кызым, үйгө атам келиптир, мен жолугуп келе калайынчы...

- Кой балам, Имаратты биз билебиз, үйгө эле чакырып кой, атайын чакырганга шарт болбой жатат, - деди Сонунбү.

- Жок, атам билбеген бойдон калсын...

- Кантип кызым, анда болбой калат, аны чакырышыбыз керек, шопурду жөнөтөйүн, барып келе калсын.

- Жөн эле коюңуз... Мен өзүм эле жолугуп келем.

Карина болбой чыгып кетти. Сонунбү ойлуу отуруп калды: "уулум тирүү болсо куда күтүп сыйлашпайт белек, бул дагы минтип басып кетпейт эле, жашырынып жүрбөйт эле", деп бир кылган кесир ооз сөзү үчүн өмүр бою өкүттө өтөөрүнө ичинен сызып кала берди. Сонунбү ал ишти Жамгырбекке айтпай бүтүргөн болчу, Клараны да куткарып кечирим сурап берчүсүн берген, күйөөсүнөн коркот, кокус аны укса эмне болоорун билбейт, бир жагы аны аяйт, жалаң кайгыдан карып болуп бараткан күйөөсүнөн бул ишти угуп калбаса экен деп корко берчү болгон.

Карина такси менен жетип келсе Имарат жок экен. Сумира экөө кучакташа учурашышты, отуруп аркы беркини сүйлөштү, анан Карина өз шифонерине өтүп үйдө кийчү кийимин кийинип күтүп калды. Анткени ал Жамгырбектикине киргенден бери халат, көйнөк кийип жоолук салынып жүргөн. Бир аз өзүнө келип күзгүгө каранып көрүп мурдагыдан арыктап башкача болуп калганын сезип, ичинен түпөйүлдөнө:

- Сумира, мен эмне болуп калгам, атам көрсө эмне дейм, ыя? - деди айласы кете.

- Эмне демек элең, ооруп айыктым деп кой, сен чын эле аябай өзгөрдүң, Карина?

- Төрөгөн аял белгилүү болуп калат турбайбы, ай кудай ай, азыр келбей турса болмок, - деп атканда эшиктен Имарат кирип келип үн салды:

- Карина, келдиңби?

- Папа кандай, келдиңизби? - деп атасы менен коомай учурашканда Имарат таң калды, чекесинен өөп анан:

- Кызым, кебетең эмне болуп калган, мынча эмне арыктап өңүңдөн азып кеткенсиң да? - деди.

- Ооруп атам папа, жакында эле ооруканадан чыктым...

- Айтып койбойт белең, кызым, - Имарат кызын боору ооруй карап, - Кыйналган турбайсыңбы, айтып койсоң келип кетмек экемин, - деп чөнтөгүнөн акча алып чыгып берди, - Жакшылап дарыланчы кызым, аябай арыктап кетипсиң. Сүзмө, май, бир козунун этин алып келдим, вареньелер бар Асылбү салып берген.

- Эмир, Темир, Нурилер чоңоюп жатышабы папа, аларды аябай сагындым.

- Чоңоюп атат. Баса инилүү болдуң, сүйүнчү! Атын Досбол койдук, чоң атаң салам айтып өөп кой деген, - Имарат жанында отурган кызын жүзүнөн сүйө, - Сени инилериң да сагынды, бир барып келсең боло, - деди.

Анан ойлоно калды, негедир кызынан сүт жыттанганын сезди: "бул эмнеси, сүт жыттанат да, төрөгөн аялдан бетер, жаш эмчектүү аял жыттанчу эле, баягыдай ойноок баладай мүнөзү жок, бул соо эмес" деп ойлоно кетти. Сумира Карина кеткенден бери бул үйдө өзү жашап жаткан, ал чай коюп, тамак алып келди. Үчөө отуруп тамактанды, анан Имарат ордунан туруп жөнөмөк болуп бөлмөлөрдү бир сыйра карап чыкты, орду-ордунда турганын көрүп ичинен ыраазы болду. Ал: "акчадан кыйналып сатып ийди бекен" деп ойлогон.

- Пап, кетесизби эми? - деп Карина андан сурады, ал тынчсызданып турган эле, эмчеги ийип балдарын эстеп кыжаалат болуп турган.

- Кетейин кызым, сенден кабар алайын деп эле келгем, - Имарат босого тарапка басып баратканда Карина кошо басты.

Кабат үйдөн чыга бергенде ал токтой калды, анткени анын алды жагында Жамгырбек машинасынан түшүп аларды көздөй келе жаткан экен. Карина эмне кылаарын билбей артка чегине берип подъездге кирип жашына калды.

- Оо Имаке, кандай?

- Жаке! - деп экөө эски тааныштардай учурашканын көрүп таңгалганы бир, уялып атасынын жүзүн кароодон бети чыдабай үчүнчү кабатка кандай чыгып кеткенин байкабай калды. Ал кирип кийимин алмаштырып башына жоолук салынып алып: "Баары бир айтты, эми үйгө киришет, укту да, урушпайт атам, түшүнөт" деп ойлоп турганда душтан жуунуп чыккан Сумира:

- Кеттиби? - деди.

- Жок, кайната келип калыптыр, алар сүйлөшүп атышат. Өлдүм Сумира, айбым ачылып калды, кайненеге айтпай койсом болмок экен, атам эми эмне дейт, бетин кантип карайм? - деп Карина ыйлап жиберди.

- Эшикте турушабы?

- Ооба, ал айтканы келди да?

Алар ошентип турганда кайнатасы менен атасы кобураша кирип келишти. Имарат эмне дээрин билбей, кирип эле:

- Карина, кел кызым, сүйлөшөлү, уялба кызым! - деди.

- Мейли, бала да, балалыгы үчүн өзү жолугам деп баса бергенин карабайсыңбы? - Жамгырбек токтоо үйгө кирип басып келди:

- Карина, кел кызым!

- Азыр, - Сумира ички бөлмөгө кирип аны колтуктап алып келди.

Карина бетин басып ыйлап аткан.

- Кызы-ым, уялба кагылайын, сен чоңоюп калган турбайсыңбы, мен сени дале баягы секелек деп жүрсө, - Имарат аны бооруна кысып алып көзүнө жаш тегеренип кетти, - Мен сени менен сыймыктанам, садага! - көзүн жумуп ошол калыпта көпкө турду. Анан аны эңкейе калып жашын аарчыды, - Кана, мен азыр неберелеримди көрөйүн...

- Па-ап, кечир мени?!

- Ой секелек десе, сен эмне күнөө кылдың? Бол эми, мен угуп алып чыдай албай турам, кеттикпи?

- Жүрү кызым, балдар ыйлап калды, - Жамгырбек арыдан үн катты.

Карина башын ийкей атасы менен кошо басты. Алар бат эле келип калышты. Сонунбү аларды күтүп жаткан залга карай ээрчитип жөнөгөндө, Имарат:

- Мен адегенде неберелеримди көрүп алайын, - деди жылмая.

- Ооба-ооба, анан эмне, жамандарыбыз күлүшүп калды, - Сонунбү кубана балдардын жанына алып барды. Экөөнү окшош кылып кийинтип, ооздорунда бирдей соска соруп көздөрүн алаңдатып бейкапар күлүп колдорун сереңдеткен балдарды Имарат колуна алып экөөнү алмак-салмак өөп:

- Ананайындар, өмүрлүү эле болсун. Жаке, тилегиңерди берсин, ушул экөөнүн үйлөнүп балалуу болгонун көрүңүз, а мен таятасы болуп бир жеринде отураармын, - деди бакылдай, - Садагам кызым, сени менен сыймыктанып турам, кантсе да акылың бар экен, карыларды кубанычка бөлөгөнүңө! - деп Каринаны чекесинен өөп койду.

- Батабызды бергенден тажабайбыз. Эрланым ушундай кызды тандаган экен, уулумдун өзү өлсө да тукумун бизге жеткирди, эки бирдей жаманды белек кылып отурат, - Жамгырбек Имараттын колундагы эки баланын бирин алды, - Жүрү Имаке, сен экөөбүз эми да куда катары сыйлаша беребиз, балдар турганда биз жакын адамдарбыз!

Залга киришип столго отурушту. Сонунбү жаңы союлган койдун этинен бууланта ортого алып келип койду, дасторкондо баары бар, экөө койкойгон импорт аракты коюп аз аздан ичип отурушту. Көп сөздөр айтылды, Имарат Эрландын өз ажалынан өлбөгөнүн билгенден кийин жүрөгү ооруп чыкты. "Каринанын алдырып койбогонуна шүгүр, чырактай эки баланы бирдей жок кылып койсо эмне болмок? Эси бар экен кызымдын, энесин тартса жеңил болмок, бул менин кызым, эч качан аны балдарымдан бөлбөйм" деп ойлонуп калганда, Жамгырбек:

- Имаке, эмне ойлонуп калдың? Биз Каринаны өз кызыбыздай көрөбүз, аны эч качан бактысыз кылбайбыз, өзүбүз күйөөгө берип анын келечеги үчүн кам көрүүгө даярбыз, - деди.

- Ыраазымын Жаке, балдар чоңойо берсинчи, мен да кызымды бактылуу болсо дейм, силердин да биздин да милдетибиз, - деди жылмая.

Ал күнү Имарат аерге конок болду, сый көрдү, анан эртеси ага бир сыйрасын кийгизип, сыртта турган машинанын ачкычын берди.

- Балдарымдын көрүндүгү, сүйүнчүсү, Имаке, жок дебей алып кет! - деди Жамгырбек.

- Эмнеге Жаке, бул өтө эле ашыкча го?..

- Жо-ок, уулдарым үчүн бүт дүйнөмдү берүүгө даярмын, ушулар көрүнгөнү өлгөнүм тирилгендей, өчкөнүм тамгандай болду, маңдайым жарылып кубанганымдан жүрөгүм токтобой аз жерден тирүү калдым.

- Болот, баарын жашоодон күтсө болот Жаке, мени кечирип кой, - Имарат Жамгырбекти карыдан ала силкилдете, - Денсоолукта болсок баары болот, эмесе коштошолу! - деп экөө кучакташа коштошту.

Карина атасын узатып чыгып:

- Папа, мени кечириңиз, апасы жокто ээнбаш болуп кеткен экен деп иренжибеңиз, мен сизди жакшы көрөм, инилеримди бетинен өөп, чоңатамдарга салам айтып, жеңемди дагы өөп, уулуңузду өөп коюңуз, ата, мени кечириңиз! - деп кучактап өөп узатты:

- Кам санаба кызым, балдарыңды жакшы кара, чоң атаң болуп жакында келип кетебиз, - Имарат машинага отуруп жөнөп кетти.

Узата карап турган Карина: "алтындай атам бар, эмнеге мындан бөлүп койду, энем ушунчалык акылсыз беле, же башында айтпай мен чоңойгондо эмнеге?" деп көз жашын кылгырта туруп калганда Сонунбү жанына келди:

- Карина, кир кызым үйгө, эшик суук, ооруп каласың.

- Ийи, - Карина үйгө кирди.

Сонунбү абдан чалкалаган бир топ айымдарга караганда өтө эле кесирдүү аял боло турган, аны уулунун өлүмү жумшак, токтоо болууга аргасыз кылды, ал жалгыз гана өзүн күнөөлүү деп эсептеп: "Эрланым мен болбосом өлмөк эмес, эмнеге Кларага бара койдум, курган жаным, кесирим өз башыма жетпей балама тийди" деп түнкүсүн ыйлап күндүзү эптеп күлүп жүрүп ушу неберелерин көргөндөн бери кудайга тобо келтирип калган. Жашоо деген ааламдын бир сырдуу бөлүгү, алды артыңды карабасаң таштак жолдо мүдүрүлүп бир жериңди кокустатып алууң мүмкүн, биз адамдар көп нерсени аңдабай жүрүп кийин гана өкүнүп калабыз го, Сонунбү да азыр өкүнүп ичтен сызып арыктап да кеткен. Ал Каринага жумуш жасатпай "ич, же" деп атайын кийим-кечени алып берип өнтөлөп турат. Жамгырбек кызматта болгондуктан анын көзүн карап, кошомат кылгандар жок эмес. "Жакелеп" небересин көрүп, далайлар келип баалуу белектерин тартуулап атышат. Жамгырбек башынан токтоо, барга-жокко бирдей карап, дүнүйөгө көп маани бербеген адам. Анын бир сүйлөгөнүн аткарган адатын билген Сонунбү мурда аны менен талаша кетип өзүнүн оюн айта берчү, азыр ашыкча сүйлөгөнүн койгон. Сый гана адамдардай жашап калышкан. Бул да болсо өлүмдүн улуулугу, адам баласынын колунан канча дүнүйөң болсо да ажалга арга кыла албагандыгы, улуу жараткандын жазганынан бир сөөм да өзгөртө албаган алсыздыгы!

Каринаны кызындай караган менен анын ыйманы аны өзүн аларга келин катары кирип чыкканда, алдынан чыга калганда ийменип кымырылып, кымтынганы ого бетер ичин жылытса, уулунун барында башына ак жоолугун салып ак батасын берип келини катары босогосун аттата албаганы бир жактан жүрөгүн оорутуп бул үйдө жалаң гана наристелердин үнүнөн башка чымындын дабышы угулгандай жымжырттык өкүм сүрүп турат. Эрландын ашын берип башына баргандагы Каринанын топуракты уучтай үн чыгарбай көздөрүн жума жашы бетин жууп турганы атанын жандүйнөсүн сыздатты, ошондон көпкө чейин ооруп жумушка чыга албай көпкө жатып калды, эч ким менен сүйлөшпөйт.

Арадан билинбей жыл өтүп наристелер жөрмөлөп "ата, апа" деп аларды кубанычка бөлөп калган. Имарат атасы менен Асылбүнү ээрчитип жетип келишти, неберелеринин көрүндүгүнө тай алып келип машинадан түшүргөндө Жамгырбек жок эле. Карина чыга калып чоң атасын кучактап калды, улуу иниси Эрлан кошо келген, алар менен учурашып анан Асылбүгө жетип колундагы басып жүргөн уулу Досболду алып учурашып үйгө киргизди. Сонунбү жөрмөлөп жүргөн неберелеринен чыгалбай үйдө болчу, алар киргенде жаркылдай тосуп алып учурашып калды.

- Келиңиздер, төргө өтүңүздөр!

- Төргө өткөндү койо тур балам, мен кичинекей чөбөрөлөрүмдү көрөйүн, ошолорго батамды берейин, жаман эмес сексен сегизге чыктым, жараткандын ушунусуна шүгүр, чөбөрөлөрүмдү көрдүм, ушул жашымдагы кийген кийимимди ушуларга берейин, - деп Азимкан жетине албай барбаңдап атканда баары аны жылмая карап турушту. Ал килемде жөрмөлөшүп, толгон оюнчуктардын бирин алып, бирин ыргытып, өздөрүн бейкапар карап санаасыз "ата, апалап" ойноп жаткан наристелерди эки тизесине отургузуп алып кубанычы койнуна батпай, - айла-анайын чүрпөлөрүм, кудай өмүр берсин, ырыстуу болгула, ата-энеңдин кубанычы болуп көп жашагыла оомийин, кыдыр колдоп бакыт жылоолоп маңдайыңар жарык болсун! - деп алакан жайганда Сонунбү карынын этегине жыгылды:

- Айланайын ата, айтканыңыз кабыл болсун, сиздин чапаныңызды ороп жүрөйүн, куда эмес ата дейин... - деп ыйлап ийгенде Асылбү менен Карина аны өйдө кылды.

- Коюңуз, сабыр кылыңыз, уулдарыңыз аман болсун, - деди Асылбү.

Имарат ушул учурда ары карап кетти, Сонунбүнүн ушу турушуна зээни кейип кеткен эле. Аңгыча Жамгырбек келди, алар менен учурашып конок камын көргөнү телефон алып бирөөлөрдү чакырды эле көп өтпөй алар келип калып кой союлду, меймандостук ата-бабадан калган салтка жараша карыны сыйлап баш тартып улуу жиликтерди өз-өз орду менен алдыга алып келип конок каадасын ирети менен жасап жатышты. Бу жолу алар улуунун сөзүн угуп, насаатына тунуп турушту. Азимкан төрдө отуруп тамак желип бүткөндөн кийин:

- Балдарым, арбак ыраазы болбой тирүүнүн иши жүрбөйт, куран окуп койолу, балдарга да батасы тиет, - деди эле каршы болушпады, туура көрүп туура кабыл алышты. Өзү куран окуп келип, - Ээ жараткан, маркум Жамгырбек уулу Эрландын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп кетирген каталарын, күнөөлөрүн кечирип жан-наттан жай бер, өмүр жашын балдарына берип колдоп жатсын, Оомийин! - дегенде баары бата кылышты.

Таң аткыча сүйлөшүп отуруп конокторду жайгарууга келгенде гана ордуларынан турду. Эртеси күн көтөрүлө узамак болду, Имарат баягы айткан машинаны алып кеткен эмес, ошону атайын тай салып келген машинага жүктөп анан жолго чыгышты. Кетээрде Азимкан аларды карап,

- Каринаны үйгө балдары менен алып барып келгиле, тайке-тайын таанып биле жүрсүн балдарым, менин да эчкинин жашындай жашым калды, учурашып барып келип тургула! - деди.

- Алып барабыз аксакал, силердин бала азыр биздин бала, сиздей карысы бар Имарат бактылуу жигит экен. Ата көп, нускалуу сөз сүйлөгөн сиздей кары аз, дайым уулуңуздун жөлөгү, неберелериңиздин сыймыгы болуп жүрө бериңиз, буйруса күздө барабыз кызым, ээ? - деп Каринаны карап койду Жамгырбек.

- Жакшы тургула балдарым, - Азимкан Сонунбү менен Карина көтөрүп турган койондой окшош, көздөрүн ойноктото колдорун булгалап талпынган балдарды чекесинен өөп анан Имараттын жанына отурду.

Коштошуп алар кеткенден кийин Жамгырбек ойлуу: "Кандай бактылуу адамдар, акылман адам тарбиялаган уул, нускалуу карыя… Аттиң, уулумдун пешенесине жазган жашоосу кыска тура, ушундай адамдар менен түбөлүк кадырлашып, күйөө бала болуп жүрө албады, кантейин арга канча, ар кимдин өз пешенесине буйруганы бар, өздөрүнө кут кылсын" деп улутуна үйгө кирди. Кирип келип талпынып өзүнө жүткүнгөн уулдарына кулачын жая:

- Оо кагылайын жөжөлөрүм, күчүктөрүм, кубатым, жыттоочторум! - деп экөөнү эки жагына алып өзүнчө кубана эмелеги ички өксөгү кайда кеткени билинбей алаксып жалбарып жатты…

***

Акинай аргасыз күйөөсүн, андан төрөлгөн уулун кыялбай орто жолдо азап чегип жатты. Бекзат күндө келип Акинайдын айласын алты кетирип:

- Акинай, эгер сен мени сүйсөң мындай болмок эмес, сүйгөнүң жалган! - деп зээнин кейиткенде ал:

- Бекзат, менин сүйүүмө берген жообуң ошолбу? Көр оозунан кайттым, жүзүңдү көрбөйүн өз жүрөгүм менен өзүм кеңешейин, деп жашоомдогу бардык өкүнүч, арманымды, жандүйнөмдүн арзуусун көкүрөгүм менен тосуп, жашоомду бүт өзгөртөйүн дегем.

- Өзгөртөсүң жаным, өзгөртпөскө аргаң да жок, тагдыр жолуңду астыңа жая салып тагдырың узак жол болуп берсе кайда бурула аласың?

- Эмне дегиң келет Бекзат, ушул аздыр-көптүр жашоомдо арзыбас өмүрүмдү татырлык турмушта жашап өтсөм дедим эле, неге мынча тоскоолдук кыласың? - Акинай өксүп жиберди.

- Алтыным, өткөн иштер үчүн мени кечир, уулум үчүн мени кечир! - Бекзат бечара кейпин кийип ак никелүү аялынын балтыр бешик наристесинин алдында кечирим сурап турду.

Аял жүрөгү деңиз, чексиз аалам, мээрими миң сандарды жылытып бүт жер жүзүнө жылуулук чачкан күн сымал назик, сулуулугу жаңы ачылган гүл сымал аңкыган бир керемет нерсе эмеспи, унчукпай укту, мелтиреди, баарына күндөн бийик, гүлдөй үлбүрөгөн назик жүрөгү менен кайыл болду, кечирди. Аттиң, не деген керемет аял, күйөөсүнүн бүт күнөөсүн кечирип ата-энесине айтпай Бекзат менен кетүүгө дилинде даяр турду:

- Мен сени сүйүүмдүн тазалыгы, уулумдун кадыры үчүн кечирем Бекзат, бирок иним же ата-энемдин сага жаман сөзү тийип калуусунан корком.

- Биз айылга кетебиз, мен жер иштетип, мал баксак да жашайбыз, бактылуу болобуз, тилимди ал Акинай, экөөбүз айылга кетеличи? - Бекзат анын алдында сабыры суз, бечара болуп кечирим сурап атты.

Адам ата жаралып, Обо эне менен жалгашкандан бери аял-эркектин ортосунда сүйүү деген ыйык сезим жашап келет. "Сүйүү" деп көрүнгөндү сүйө берген алсыз жүрөк, же бирди сүйүп, өмүрү өткөнчө ошонун караанын көрсө ыйык туткан асыл жүрөк миңдин биринде же дүйнөнүн жартысында ашып кетсе экөө болору шексиз.

Бекзат бирөөнү сүйүп, өмүрү өткөнчө ошонун элеси менен жашагандардан эмес, ал жүзү жылтырап биринен бири өткөн өңү жылма кыз-келиндин баарын сүйө берчү. Кайрадан өз жүрөгүндө аялын сүйөөрүн айтып тажабастан бутуна жыгылып, өлгөнчө карганып, өзүн анын алдында күнөөлүдөй көрсөткөн менен, баары бир адатын кыла берээрин ак жүрөк, пейли таза Акинай кайдан билсин?!

- Бекзат, мен сага дагы бир жолу ишенейин, эгер дагы бир ушинтсең анда өзүм сотко берип сени менен ажырашам!

- Болду, айтканыңдай болсун, деги мени уулум экөөң таштай көрбөгүлө! - деп ал бүжүрөп турду.

Бекзат эртеси эле такси алып келип, азын-оолак жүгүн алып Таласты көздөй жөнөштү. Ата-энесинин кашына барып аз болсо да жүрөк басып тынчтана жашай башташты. Сүймөнчүк болгон уулунун күлүп, талпынып, күлгөнүнө ырахаттанып жашай башташты. Бекзат айылдан жер бөлдүрүп алып, фермерлик кылып өкмөттөн чоң суммадагы акчаны кредитке алып, иш жүргүзүүгө жүгүрө баштады. Арадан эки ай өткүчө жакшы күйөө, татыктуу ата болуп эртели-кеч үйүндө болуп атты. Бир күнү адатынча кечигип жатты, Акинай эч нерсе менен иши жок, "жумуш менен жүрөт го" деген ойдо жатып уулу экөө уктап калды. Ошентип, Бекзат ал түнү үйгө келген жок, эртеси түшкө жакын ал "чарчадым" деп келип жатып калды. Акинай ысык чайын, тамагын алдына коюп күйпөлөктөп атты, кайната-кайненесинин көзүнчө күйөөсүнө өйдө карабайт, өз жумушуна чыга элек, баласын карап үйдө.

- Акинай, мен бүгүн эс алайын, сен тынчымды алба, кечинде кайра кетем, анткени облустун бүт фермерлери чогулат, көп иштер бүткөнү турат, - деп тескери карап жатып алды.

- Фермерлер күндүзү эмес, түндөсү жолугушат бекен?

- Ооба, анткени жолугуп чече турган маселелер бар, анан кайра облуска барабыз, - деди.

- Мейли, иши кылып иштин көзүн таап кетсең болду да, - деди Акинай, анан өз иши менен алек болуп кетти.

Бекзат ал кезде Айнагүл деген күйөөсү жок келин менен таанышып калып андан чыгалбай калган эле. Бой жашаган Айнагүл аны имерип өзүнө тартып, алыстаткысы келбей азгыра баштады. Акинай уулун кучактап алып далай түндөрдү уйкусуз өткөрдү. Зээни кейиди, апасы Шайымкүл кулак мээсин жеп атты:

- Көңүлүң калбады, ушул күйөөң жакшылык деле кылбайт кызым, баягы бойдон жолотпой койсоң болмок.

- Апа, эми мындан ажырашсам дагы эле ушундай күйөөгө чыгам, же балам менен жалгыз өтөм, андан көрө баламдын атасы эмеспи...

- Балаңдын ырыскысы өзүндө, бу беймазадан кутулганың жакшы эле го?

- Апа, менин жашоомо кийлигишпегилечи, балам менен силердин төрүңөрдө отургуча ушул жерде болгонум жакшы, баламды атасыз өстүрмөк белем? - Акинай апасынын тилине кирбей өзүн да, аларды да алдап аргасыз баш ийип турганын өзү да билет, бирок ошого муктаж болчу.

- Алда кызым ай, кантейин эми, тагдырыңдын татаал болуп калганын кара, менин оюма койсо сени бир мүнөт койбойт элем, - деп Шайымкүл кейий жолго түшөт.

Акинай эч ким жокто ыйлап алып уулун эрмектеп өз ишин улантат. Коңшусу Гүлсүн деген өзү курдуу келин экөө кээде жолугуп сүйлөшүп калышат. Аны Зыйнат жаман көрчү, ошондуктан аны менен да кенен туруп сүйлөшө албайт.

Бир күнү кайненеси жокто баласын көтөрүп короодон чыкса Гүлсүн да жаңы баскан баласын ойнотуп жүргөн экен, ал өзүн көздөй басып келди:

- Кандайсың, дегеле эшикке чыкпайсың, кайненең ажыдаардай эле неме, кантип чыдап жүрөсүң?

- Эмне кылам анан, балам турса. Акыры сүйлөп-сүйлөп калат да, эмне кылмак эле? - Акинай күлүп койду.

- Акинай, сенин күйөөң үйгө келип атабы?

- Жумушу бүтпөй аткан го, облуска кеткен, бүтүрүп алса жакшы болот эле, - деп санаасы жок сүйлөдү.

- Койчу Акинай, Бекзат тигил өйүздөгү эле Айнагүл менен жүрөт имиш, андан көрө мен сени алардын үстүнөн чыгарайынбы? - деди ал шыбырай.

- Гүлсүн, эркектин артынан түшүп аңдыган аялды жаман көрөм, - Акинай ичинен жаман абалда калган менен, сыртына чыгарбай тим болду.

- Кызык экенсиң Акинай, күнөөнүн баары сенин эриңде, сен аны катуурак эле кармабайт белең, - Гүлсүн ого бетер жинин келтире айтып атты, - Андай эрдин азабын колуна бериш керек.

- Кой, мен үйгө кирейин, баламдын курсагы ачты, - Акинай анын сөзүн уккусу келбей кирип кетти.

Жандүйнөсү жабыркап үйгө кирип алып ыйлап жатты, көптө барып томсоро отуруп калды. "Эмне кылышым керек, мен аны канча жолу кечирем, деги менин анын алдында кандай күнөөм бар, неге мени кыйнайт? Сүйбөсө жайыма койсо болбойт беле, канткенде мындан кутулам?", деп санаанын сазына батып отурганда Зыйнат келип калды:

- Капырай, бу келин керээлден кечке отура бергенден тажабайбы, эшик-эликке чыгып койбойт, - деп наалып кирди ал сырттан эле. - Ой Акинай, ботом үйдө эле отура бербей чыгып койсоң болбойбу, - деп колундагы баштыгын, бир колундагы чоң куржунун жерге коюп үн салды.

- Апа, азыр эле келдиңизби? - деп Акинай чыга калды.

- Ооба, азыр эле келдим, ордуңдан турбай отура бергенден көчүгүң деле жоорубайбы ботом? - Зыйнат кыйгачтай сүйлөп кирип кетти.

Акинай унчукпай баштыктарды киргизип анан кайненесине чай коюп отуруп:

- Апа, Бекзатты сиздер деле айтпайсыздарбы, мен качанкыга анын кылыгын көтөрүп жүрө берем? Эгер айтпасам күнөөнү мага койосуңар, - деди.

- Эмне болуп кетти, койнуңдагы эриңе алың жетпей "силер айткыла" дегениң эмнең? - Зыйнат силкине ары бурулду.

- Мен айтып да, колунан өлүп кала жаздап да жүрдүм, келбей койсом жанымды койбойт, баламды атасыз калтырбайын деп минтип элдин ушагынын баарын кулагымдын сыртынан кетирип жүрүп чарчадым! - Акинай дагы ордунан булкуна турду, - Мен эми чыдай албайм, баламды алам да кетем! - деп кийимдерин чогултуп киргенде Зыйнат:

- Кайда кетсең кете бер, баланы ташта!

- Эмнеге таштайм баланы, апа? Ошол менден жакшы көргөн аял төрөп берет, мен баламды бир мүнөт да койбойм! - Акинай ыйлап ийди.

- Жо-ок, сен баланы алып кеталбайсың, ташта баланы, баары бир биздин балабыз да?

- Ооба, силердин балаңар. Апа, мен баланы таштап эч жакка кетпейм, Бекзатты тыйасыңар же мен баламды алып кетем! - Акинай ошентип кайненеси экөө баланы талашып жатканда Турдугул келип калды.

- Эмне болуп кетти?

- Көрүп атпайсыңбы, Акинай кетем дейт, мен кетпе десем болбой атат! - Зыйнат күйөөсүнө калп айтып өзүн актагандай айтты, - Баланы таштап кет десем болбойт.

- Эмнеге кетет, бирдеме болдубу балам?

- Бекзат үйдө аял-балам бар дебесе… Кетип калсам жанымды койбой алып келет, же үйгө келбесе, элдин ушагынан баса албай калдым. Ошону айтсам апам мени кайра урушуп жатат.

- Сен бир кудай урган аялсың да! Балдарды кой дегендин ордуна кайра урушканың эмнең? Ырас эле өз балаңды тыйбайсыңбы! - Турдугул аялын тилдеп кирди, - Ал акмагыңды эми көзүмө көрүнсө сабайм! - деп чыгып кетти.

- Бекзатты тый деп койот… Ал эркек, "ат айланып казыгын табат" дейт, отурган катын орун табат, акыры токтолот, анын күнөөсү үйгө келбегени эле болбосо, кардың ток, киймиң бүтүн, башканын сага кереги эмне? - Зыйнат силкине күйөөсүнүн артынан чыга жөнөгөндө Акинай унчукпай кала берди.

Ал азыр ойлонуп жатты: "Гүлсүн анын үйүн көрсөтсө мен аны көрсөтөм, анан биротоло кетем, баламды таштамак турсун бутун карматпайм" деп ойлоп калды.

Эртеси атайын эле Гүлсүнгө жолугуп Айнагүлдүн үйүн сурады. Ал аны анын үйүнө өзү алып бармак болуп сүйлөшүштү. Кеч кире ал уулун уктатып коюп Гүлсүн экөө жөнөдү. Бекзат үйүнө таптакыр келбей калган болчу. Экөө жетип келгенде Гүлсүн:

- Сен тээтиги үйгө бар, мен бул жерден сени күтөм, эгер Бекзат мени көрсө жаман көрөт, ушул жерден калайын, - деди.

- Макул.

Акинай абайлап барып үйдүн артына чыгып терезеден караса көрүнбөдү, арткы терезелеринен эчтеке көрүнбөдү же үн угулбады, бет маңдайындагы терезеге келгенде Бекзаттын каткырган үнү угулду. Жүрөгү дүкүлдөп барып, анан өзүн кармап акырын эшигине жетти, түртүп көрсө каалга бош жабылыптыр. Ачып кирип барды. Акинайды көргөн Бекзат ордунан тура калды.

- Акинай, сен кайдан?

- Сени облуста жүргөн экен деп келгем, облустун контору ушул жерде тура көрсө. Фермерлер кеткен тура, жүрү кетели! - деди жай, өзүн токтоо кармап.

- Азыр... - деп кийине баштаганда Айнагүл аны карап:

- Эркектер ушундай аялдын алдында өтө алсызсыңар! Азыр эле "сени сүйөм, керек болсо аялымды кетирем" деп жаттың эле, эми аялыңды көрүп алдына түшүп жөнөп калганыңды кантип түшүнсө болот? - деди жылаңач жатканын көрсөткүсү келип төшөктөн бутун чыгара өйдө болуп.

- Жаныңда бир күн түнөгөн эркек сага эр болот деп ойлодуңбу? Жаңыласың, биздин балабыз, ортодо ак никебиз бар! - Акинай аны токтоо карап, - Экинчи ушул үйгө азгырат экенсиң, төбөңө төрт чач койбой жулуп салам, менин эрим сенин эрмегиңе айланбайт! - деп айтканда Айнагүл кыйкырды:

- Чыгып кет азыр! Керек болсо Бекзат меники! Сенин салынды болуп калганың качан, эриңе ээ боло албай элге асылганыңды кой да, менин үйүмдөн чыгып кет деп жатам!

- Сендей, көрүнгөн менен түнөгөн аялдын касиети кеткени, сенин колуңдан тамак ичкен адам жийиркенип тамагы ооруйт, арам жашооңо менин эримди аралаштырба!

- Акинай, азыр сен бара бер, артыңдан барып калам, - деди Бекзат.

- Барсаң мени менен кетесиң, болбосо мен кетем! - Акинай шарт артына бурулду.

- Ха, ха, ха! Шалпайып "эрим бар" деп келгенин кара, эрин алып кетет имиш! - Айнагүл аны мыскылдап күлүп кала берди.

Ызасынан ыйлап ал аялдын өзүн мыскылдаганына өчөшүп Гүлсүн экөө үйүнө келди, келсе Изат ыйлаганынан Зыйнат алып отуруптур. Аны көрүп:

- Кайда жүрөсүң, ботом? - деди жаман көзү менен карап, - Тобо, эркектен кем калышпай жолго жортуп кеткенин кара.

- Балаңыздын алган аялын көрүп келдим, эми менин биерде тура турган алым жок! Канчасын кечирдим, менчелик болоор болсо, жолумду тоспоңуз, баламды талашпаңыз! - деди, - Менин унчукпасымдан пайдаланып далайды кылды, этимди көгала кылды, эми ошол аялы менен жашай берсин! - деп айтып кийимдерин салыштырып жатканда Бекзат кирди:

- Сен карыганда бизди куураттың го, мына аялыңды кой десем болбой кеткени жатат!

- Акинай, мени кечир, чынында азгырып атпайбы, мындан ары мындай болбойт! - Ал Акинайды карап салбырап башын жерге салып калганда Зыйнат:

- Ок арам! Эркек деген аялдын алдында салбырабайт, күнөөң болсо да эркиңди башкара бил, башкаралбасаң балакетке жүрөсүңбү! - деп аны кайрап кирди.

- Апа! - Бекзат апасын караганда алардын үнүнөн уктап калган Турдугул чыга келди:

- Ызылдап эле эмне болуп атасыңар?

- Балаңдын күнөөсү башынан ашып кетиптир, катынынын алдында киши өлтүргөн кишидей салбырап башын жерге салып кечирим сурап атат! - Зыйнат жактырбагандай ары басты, - Тоб-бо-о, эркек деген басат, турат, аялдын алдында мынчалык алсыз болчу эмес!

- Басчы жаагыңды! - Аялын урушуп уулуна карады, - Ой бала, аялың, балаң турса кайда жүрөсүң ыя?

- Ата...

- Токтот! Сендей убакта үй салып, балдарды чоңойтуп, жашоонун даңгыр жолуна чыйыр салып калгам! Кана сенин кылган ишиң? Бир жерге күлүң додо болбой жаш баладай дагы эле менин колумда жүрөсүң, өзүңчө да жашай албадың. Бул да бирөөнүн баласы, андай көңүлүң болбосо кетир, өзүң жүрө бер каалаган жагыңда - сага баланын, аялдын эмне кереги бар? - деп ачуусу менен бакылдап урушуп жатты.

Акинай унчукпай бөлмөдөн чыгып кетти. Бекзат атасына үн дей албай туруп калды. Зыйнаттын оюна койсо Акинайды сабатып экинчи сүйлөгүс кылып койгусу келип турду. Күйөөсүнөн айбыгып ордуна жатып алды. Түнү менен уул-келининин дабышын тыңшап алардын урушканын укмак болду эле, бирок дабыш чыкпады: "Кемпай, аял алдында бүжүрөгөнүн карабайсыңбы" деп жинденип атты Зыйнат.

- Акинай, мени кечирип койчу?

- Кечирип бүттүм, сеники аз келгенсип апаңдыкы да өттү, жетишет, мен күңдүккө келген эмесмин, мен дагы адамча жашашым керек, - Акинай тескери карап алып бурк этти, - Кайдагы бирөөнүн сөзүн угузгандан көрө менин жолумду тоспо. Биз эми ажырашабыз, мен сенин теңиң эмесмин!

- Койчу эми, таарынбачы Акинай, сен менин акактай таза сүйүүмсүң! Адам сүйгөнүнөн сырткары көңүл ачуусу керек тура, чынында сен менин эң кымбат адамымсың! Сенсиз мага жашоо кыйын, өзүм да билем, сен мени сүйөсүң, таштап кеталбайсың, мен сага ишенем! - Жанына жатып алып кучактамак болду эле, Акинай аны түртүп жиберди.

- Тарт колуңду, сени көргүм келбейт!

- Акинай, акыркы жолу бир кечирип кой, эми эч качан андай жолго барбайм! - деп төшөктүн сыртынан келип аны кучактап жатып алды.

"Деги мында уят деле жок тура, ушунчалык да байкуш болуп төрөлөбү адам? Айры бут адам экени гана болбосо буга караганда иттин дагы акылы бар" деп ойлоп жатты Акинай.

Ал ошол түнү уктабай чыгып, эртең менен үрөң-бараңда эч кимге билинбей уулун кучактаган бойдон чыгып кетти.

Анын келгенин көргөн Шайымкүл:

- Таң атпай эмне болду, кызым? - деди колундагы баласын ала коюп.

- Эч нерсе, биротоло келдим, апа! - деди жер карай Акинай.

- Туура кылдың балам, өмүр бою эзилип жашай берет белең. Сен эми биерге турба, шаарга бар да иште, баланы өзүм багам.

Шайымкүл кызын ээрчитип үйгө кирип таңкы чайын коюп анан төшөнчүсүн жыйды. Экөө отуруп чай ичишти. Шайымкүл кызына бекитип жүргөн акчасын алып чыгып:

- Изатты мен бага берем. Сен кет шаарга, антпесе сен кайра эле кетип каласың, эриңдин көңүлүн кыя албай, - деп кетирмек болуп даярдап жатты.

Изатты эң кичүү иниси көтөрүп жүргөн, ал кирип эле:

- Жездем келатат! - деди.

- Ий өлүгүңдү көрөйүн желмогуз, деле ушунун азабы өтүп кетти, - Шайымкүл наалый отуруп калды.

- Жакшысызбы, апа, - Бекзат кирип келип босогодо туруп калды.

- Кел айланайын, - Шайымкүл аргасыз аны төргө өткөрдү, - Өт өйдө!

- Апа, Акинай менен сүйлөшөйүн...

- Сүйлөшүп эмне кыласың балам, эми аны өз жайына кой, кыйналып бүттү, экөөң жашай албай калдыңар...

- Апа, мен Акинайды капа кылбайм экинчи, акыркы жолу ишенип коюңуз, мен аны жакшы көрөм, сүйөм апа!

- Курулай сөздүн эмне кереги бар? Кой, өзүңдү да аны да кыйнабай тынч бол. Мурда Акинай өзүн өзү билген, эми аны мен билем, эч жакка барбайт!

- Мен Акинайдын өзү менен жолугушум керек! - Бекзат ички үйдү карамак болуп тура калды эле Шайымкүл:

- Кирбе! - деп катуу айтканда ал токтоп калды.

- Апа, мен бул жерден Акинайсыз кетпейм!

- Мен сага айтчумду айтпадым беле? - деп аңгыча Акинай чыга келди, - Менин сени көрөйүн деген көзүм жок, тажадым сенден, азыр сыйың менен кетип калбасаң участковыйды чакырам!

- Акинай, мен эч жакка кетпейм, андай эле сен барбасаң баламды алып кетем! - деп кайниси Эдик көтөрүп турган балага жутунганда Шайымкүл аны ала койду.

- Баланын жүрөгүн түшүрөсүң, баргын өз үйүңө, оңолгондо келесиң, ага чейин экөөң тең ойлонгула! - деди ал эптеп кетириштин амалын кылып, - Экөөң эки жакта болуп көргүлө, анан көрөсүңөр. Бар балам, бара гой!

- Макул, - деди башын жерге сала Бекзат, - Акинай ойлон, баары бир мен сени таштабайм! - деди да чыгып кетти.

- Бул балакет немеге жолобо деп алдакачан айткам, өзүңдү өзүң кыйнап атасың, - Шайымкүл наалый отуруп калды.

- Киришпечи апа, мына келдим го, эми барбайм дедим го, дагы эмне керек? - Акинай ыйлаган бойдон кайра ичке кирип кетти.

Эненин жүрөгү канчалык "бала" деп сыздабасын, бала өз баласын ойлоп тирүүлүктө ар бир пенде өз арбайын өзү согот эмеспи. Акинай чынында уулун ойлойт, атасыз өскөнүн элестете албайт, туруп-туруп кайрадан өзү баргысы келип, өзүн өзү араң токтотот.

Эки күндөн кийин ал шаарга келип, өзүнүн үйүнө жашай баштады. Эки инисине жолукканда алар ага баскан-турганына акча берип, тамак-ашын белендеп коюшту. Жумушка орношуп иштей баштаганына он күндөй болуп калган. Канчалык эстебейин десе да Бекзаты эсинен кетпей, басса-турса ойлонуп, кээде ыйлап да алат. Сүйүүнүн даамы таттуу, ырахаты жандүйнөңдү жыргалга бөлөйт. Эгер өзүң бирөөнү чексиз сүйгөнүң менен, бирок өзүңдү сүйдүрө албасаң, өмүр бою азаптан кутулбайсың. Акинай Бекзатты жүрөгүнөн сүйүп, кайталангыс махабатка кабылып алып, өмүр бою андан башканы сүйбөй же көңүлүнө эч кимди жактырбай өзү менен өзү болуп жүрө берди.

Өзү менен иштеген Курман деген бой жигит бар эле, ал аны имерчиктей баштады. Бир жолу жумуштан чыкканда кошо чыгып аны жандай басты.

- Акинай бирге тамактаналы, жүрү мени менен.

- Жок, мен шашып жатам, эч нерсеге көңүлүм жок!

- Койчу эми, мына бир жерде иштешип жатабыз, бири-бирибизге таанышпыз. Эмне, коллега катары чогуу отурсак болбойбу?

- Курман, мага капа болбочу, көңүлүм тартпай турганын айттым го?

- Анда үйүңө жеткирип койойун.

- Жок болбойт, күйөөм көрүп калса...

- Ой кокуй күн десе! Эмне, иштешкен катары жеткирсе да болбойбу?

- Түшүнчү мени Курман, үйдө инилерим күтүп атат, кечиксем издеп келишет... - Акинай ылдамдай басып кетип калды.

Курман аны артынан узата карап туруп калды: "Эх кыздар, кыздар, кылыктуусуңар, сулуусуңар, табышмаксыңар" деп ойлоп машинасына отурду.

Ошондон баштап Курман аны имерчиктегени имерчиктеген. Түштөнүүгө, кечки тамакка, эс алып келүүгө чакыра берди. Анын сөздөрү Акинайдын кулагына кирбеди, зымпыя басып өз ишинде иштеп жүрө берди. Ага шарт бербеди.

Аңгыча май майрамы болуп калды, иштешкендери чогулуп майрам тосмок болду, Акинай алардан бөлүнө албады. Бирге кафеде отуруп аз-аздап ичкен кызыл винодон башы айланганынан ал кетмек болду. Курман аны узатмак болуп машинасына салып алып жөнөдү. Жолдо келатып Акинай анын ийнине жөлөнүп алганын байкабай калды. Курман аны жылмая карап коюп түптүз узун жолдо кубанып кетип жатты. Ал чын дилинен аны сүйүп калган. Курман бир жолу үйлөнүп, аялы жүрөгү кармап каза болуп калган. Балалуу болушкан эмес. Андан кийин далай эле кыз-келиндерге жолукту, бирок көңүлүнө жакпады. Адатта пенде өзүнүн жаңылыштыгын сезбей көңүлүнө жакканын "сүйдүм" деп адашып алат эмеспи, анын көңүлүнө бир жан жакпай жүрүп Акинайды көргөндөн бери жандүйнөсү жалынга кабылып, жүрөгү отсуз күйүп баратты. Жанында жүрөгүнө жакын адамдын өзүнө жөлөнүп отурганы анын жүрөгүн элеп-желеп кылып турду. Үйүнө келгенинен кабары жок уктап калган Акинайды Курман ойготпой тим коюп көпкө карап отура берди: "Күйөөсү болбогондо мен сөзсүз үйлөнмөкмүн. Тагдырдын табышмагын кара, ушунчадан башы бош аялды эмес, күйөөлүү аялды жактырып калганымды айтпайсыңбы - айла канча", деп ойлонуп атып өзүнүн да уктап кеткенин байкабай калды. Түнү менен машинанын ичинде уктаганга чыйрыгып калган Акинай башын көтөрө чоочуп кетти. Курман катуу уктап жаткан эле, акырын козголуп аны карап өзүнчө жылмайып алды, ага дилинде ыраазы болуп турду: "адептүү жигит экен", деп койду ичинен. Ал ойлонуп турганда Курман көзүн ачып:

- Аа-а сулуу, ойгондуңбу? - деди.

- Ооба, түшүп кетейин деп сени ойготуп албайын дебедимби, - Акинай күлүп калды.

- Үйүңдү билбей калдым жеткирип койойун деп, кана кеттикпи? - Курман аны жылмая карады.

- Кеттик! - Ал да жылмая карады.

- Акинай айтчы, күйөөң урушпайбы?

- Эмнеге, күйөөм азыр жок, ал айылда...

- Ой жинди десе, мен эми түндөп кайда жүрдүң деп урушат деп сени аяп атпайынбы?

- Коркпой эле гой Курман, ал биерде жок.

- Анда азыр кафеге кеттик, бүгүн иш күнү эмес, майрамда бир жакшылап эс алалычы! - Курман машинасын чукул буруп кайра артка айдап жөнөдү.

- Курман, токтот дейм, мен эс алышым керек, жумуштарым да бар, - деп Акинайдын тызылдаганына карабай зуулдата кетип жатты.

- Акинай, бир сөз айтайынбы?

- Эмне сөз?

- Сен күйөөң менен сүйлөшүп баш коштуңар беле?

- Анын кереги эмне сага?

- Билгим келет!

- Билгенде эмне, мен аны сүйөм Курман, аябай сүйөм! - Акинай эмне деп атканын да сезбей, - Билесиңби, аны мен бүт жандүйнөм менен сүйгөм... Бирок, бирок ал мени сүйбөйт! - деди да эчкирип ыйлап кирди.

Курман алдастап калды:

- Акинай, капа болбочу, мен сени капа кылгым келген эмес.

- Жок Курман, мен сага капа эмесмин, тагдырыма капамын, мен абдан бактысызмын. Билсең мен бактысызмын! - Курманды карабай отуруп сүйлөп жатты, - кечирип кой Курман, булардын баарын эмнеге сага айтып жатканымды өзүм дагы билбейм!

- Эчтеке эмес, - Курман ойлуу жолду карап кетип жатып айтты, - Адам ичтеги бугун качандыр бир кезде чыгарып алыш керек, антпесе адам оорукчан болуп калат, бирок менде бир ой пайда болду, сүйүп сүйүүнүн кадырын билген кандай бакыт! Сен бактылуу экенсиң, Акинай!

- Курман, бул эмне тамашаңбы же мени шакаба кылып турасыңбы? - Акинай аны мостойо карады.

- Кантип, сени шакабалагандай жинди белем? Чындыгын айттым Акинай, чындыгында эле адамга сүйүүнүн келгени өзүнчө эле зор бакыт да, сени сүйбөгөн менен аны сен сүйөсүң, ошол бакыт, сүйбөгөн адамың менен жашоонун өзү тузу жок аштай. Балаңар барбы?

- Бир балабыз бар!

- Демек, дүйнөдөгү чексиз бактылуунун бактылуусу сен экенсиң, Акинай! - Курман жол жээгине токтотуп жатып аны көз кыйыгы менен карады, - Түштүк, бирдеме кайсап албасак болбойт, кардым ачты, - Ал Акинайга колун сунд. Ушул саам Акинай күйөөсүн эстеп анын бир да жолу машинадан ушинтип түшүрүп албаганын, баласын алып өзү түшүп анын артынан жөнөгөнүн ойлоп ызаланып кетти:

- Мен өзүм эле...

- Жо-ок, кыздарга мындай мамиле майдай эле жакчу эле, анын үстүнө жигиттердин кыздарга жасаган сыйы ушул эмеспи, кабыл алыңыз, сулуу! - Ал жылмая колун кармаганда жүрөгү зырп этип алды, анан аны менен ээрчише кафеге кирип келишти.

- Курман, бул кафе абдан кымбат го, жүрү башкасына эле баралы, курсак тойсо болду да, - Акинай уялгандай аны карады, анткени өзүндө жолуна деген гана акчасы бар болчу.

- Отур, бүгүн биринчи май, жаз айынын өзгөчө майрамдарынын бири, мындайда арзан кафенин кереги не, бир жыргап алыш керек!

Курман ага карап сүйлөп атканда официант келди. Заказ берип жайланышып отуруп калышты. Бир топко сөз уланбай өз ойлору менен алек болуп отурушканда алдыга тамак менен вино келди:

- Курман, ичимдиктин кереги жок, мындай эле тамактаналычы?

- Эчтеке эмес Акинай, бүгүн бир жакшы отуралычы. Кана сулуу, тамакка карайлы, - жадырай карады, - Мындан кийин дагы качан чайлашабыз кудай билет, сени машинама отургуза албай канча азап жедим.

- Койсоңчу Курман, ушак болуп кеткенден корком, көргөнү-көрбөгөнү да окшоштурбай айта беришет эмеспи...

- Экөөбүз эмне күнөө кылдык, Акинай? Айтса айтып тим болот да. Эчтекеден коркпо, биз күнөөлүү эмеспиз, - Курман винодон куюп, - Чегиртке жеп койот деп эгин экпеген дыйкан болуп куру сөздөн корунууга алым жок! - деп вино куюлган идиштин бирин ага сунду, - Кел эмесе бүгүнкү майрамың менен, Акинай!

- Майрамың менен! - Акинай дагы жылмая стаканды кармап ага карады, - сенин дагы майрамың менен!

- Рахмат! - Экөө алып жиберишти.

- Ой ии-й Курман, эми мен ичпей эле койойунчу, башым эмеле айлана баштады, мас болуп калбайын?

- Койчу Акинай, кичине эле ичкенге кантип мас болуп калсын. Сен бүгүн күйөөңдү, башканы эстебей жаныңда отурган мени ойлон, майрамды ойлон!

- Ма-акул, - Акинай дагы жылмайды, ушул азыр жанында отурган жигитке боору ооруду, жан дили менен аны коштоп койду, - Ылайым ушул майрамдагыдай маанайың жарык болуп жүрө бер, Курман!

- Айтканың чын болсо кана ушуну калтырбай алып ийели! - Курман стакандарды кагыштырып алып ийди. Анын ички сезими ыйлап турган, ушул жакшынакай жумшак мүнөздүү, көздөрү дайым муңайым тартып, санаа чегип турган жүзү адамга ишенбегендей карап суз жүргөн келиндин жүрөгүнөн орун ала албастыгын сезип өкүнүчтүү ага карады, - Алып жиберчи, Акинай.

- Мына, албадымбы! - Ушу жолу Акинай аны карап бир ажайып жылмайып алды, - Сага ыраазымын Курман, чөккөн көңүлүмдү көтөрүп минтип майрамдатып атасың, мен качантан бери майрам дегенди унутуп да калган элем...

- Ыраспы?

- Ырас айтам, жүрөгүм кайгынын чеңгээлине түшүп жалгыз гана бир адам үчүн жашап, ошону гана ойлоп өмүрүмдү ага арнап, жанымда ал турса эле болду деп жашап калган экемин, өзүм сүйгөн адам жанымда болсо өзүмдү бактылуу болом деп жүрүпмүн, сүйгөнүңдүн жанында жүрүп муздап, таштай каткан жаман тура!

- Бүгүн майрам, ошондуктан сага бүгүн кайгырууга жол бербейм! - Курман анын колунан кандай кармай калганын билбей да калды.

- Курман! - Акинай колун тартып алды.

- Кечир... - Ал тайсалдап кетти: "мен жаңылдым, анын жүрөгү мен деп сокпойт, ал мени сүйбөйт" оор улутунуп ийди, - Кечир Акинай!

- Эч нерсе эмес, кана эми кетели, мен үйгө барбасам инилерим күтүп калды го?

- Мен өзүм жеткирем!

- Жок-жок, бирөө көрсө уят, өзүм эле кетем!

- Кантип, жок дегенде үйүңө жакын алпарып таштайын, - Курман андан сураныч кыла карады.

- Мейли, бирок эч ким шекшинбегидей болсун, - Акинай күлө сыртка чыгып машинанын алды жагына отурду.

Көчөлөрдөн бурулуп майда көчөгө киргенде:

- Ушул жерден түшүрүп кой, - деди Акинай.

- Макул анда, көрүшкөнчө, - Акинайдын колун бекем кыса коштошуп ал түшүп эшигин жаап делдээ туруп калды: анын маңдайында Бекзат келаткан.

- Ийи, сайрандап жүргөн экенсиң го, эки күндөн бери келип таппайм! - деп кекетип келип жаакка чаап жиберди, - Ээн-эркин болоюн деген экенсиң?

- Бекзат, сен эмне деп жатасың, ал мени менен бирге иштейт, - Акинай ага актангандай болду, - Кандай түшүнбөйсүң?

- Көрдүм, күндөп-түндөп ээрчишип жүргөнүңөрдү!

- Байкап сүйлө тууган, аял кишиге мындай мамиле кылган болбойт, биз коллегабыз, чогуу болдук, көптөгөн адамдар турат аерде!

- Сен биздин арабызга киришпе иничек, биз эрди-катын өзүбүз чечишебиз. Кана, шуркуялык кылып түндө кайда болдуң?

- Эл менен болдум, алардан бөлүнүп калмак белем?

- Аа-а, буга окшогон жигиттер жанымда болду дечи?!

- Ооба, көрүп турганыңдай! - Акинай өчөшкөндөй ага көздөрүнөн заар чачырай карады, - экөөбүз эбак бүтпөдүк беле, эмнеге мага келип адатыңды карматып жатасың?

- Сени мен койо берген эмесмин, ажырашкан да жокмун, эч качан ажырашпайм! - Бекзат аны колдон ала дегдеңдетип сүйрөп жөнөдү.

- Койо бер, эл көрсө эмне дейт? Үйгө сени баары бир киргизбейм, жоголуп кет азыр! - дегенде Бекзат Акинайды карап алды да:

- Эмне, тигиниң менен кеткиң келип турабы? - деди токтой калып, - Канчадан бери жытыңар сиңишип калган го дейм?

- Бас жаагыңды, мен сен эмесмин көрүнгөн менен басып кеткидей! Элдин баарын өзүңдөй ойлобо!

- Анан эмне менден качасың? - деп дагы чаап-чаап жибергенде баятан бери кетпей карап турган Курман түшө калып анын колунан кармап калды эле ал аны да муштумун түйө уруп калганда экөө мушташып кетти. Акинай ортого түшүп экөөнү арачалай албай убараланып атканда өтүп бараткандарды жардамга чакырды эле, алар экөөнү ажыратып жатса Бекзат аларга дагы кол көтөрдү.

- Адам эмес экенсиң, мындай немени өлтүрүп койсо болот! - деп алар басып кетти.

- Курман, кетип калчы, муну менен өзүм сүйлөшөм! Алда качан менин жашоомдон кетиши керек болчу. Мага жыргал жашоо берип койгонсуп ушунуку өттү, сен кетип кал! - Акинай ыйлап ушинткенде Курман кетип калды.

Бекзат аны кайрадан колдон алып сүйрөгөндө ал колун күч менен тартып алды:

- Мен сага канча айтам сени менен жашабайм деп!

- Ыкы, - Бекзат кытмырланып жини келгендей ага карады, - Сен бир кезде мени кандай гана кылып өзүңө каратып алгансың! Эми мен сага тынчтык бербейм, жашайсың мени менен, мен сени кыйнап жашатам, уктуңбу?

- Антүүгө акың жок, мен эми сени көргүм келбейт, көңүлүм качан эле калган, жогол азыр сыйың менен! - деп Акинай безеленгенине карабай, Бекзат аны ошол эле жолдун боюнда элдин карап өтүп жатканына карабай тепкилеп кирди:

- Сен мени кыздар менен сүйлөштүрбөй тынчымды алгансың, эми мен сени тынч жашатпайм!

- Апей карангүн, аялыңбы бул? Ушунча дагы урасыңбы, өлүп калса эмне болот? Тур биякка! - деп бир аял аны түртүп ооздору канап кеткен Акинайды өйдө кылды, - Олдо курган келин ай, ушундай жинди күйөөдөн көрө тийбей эле койбойт белең? - ал аял киймин кагып, - Кайда жашайсың? - деди үңүлө.

- Бул эле жерде, сизге ырахмат.

Акинай көз жашын сүртө эки жагын карады, Бекзатты издеп жатты, анын карааны көрүнбөдү. Акырын басып үйүнө жөнөдү, келип ачкычын таап алып кирди да оронуп алып ыйлап жатты, ага баарынан Курмандын көзүнчө ургу-бергиге алган күйөөсүнө жини келип жатты. Ошол убакта Бектур келип калды:

- Сага эмне болгон? - деп жанына отуруп үстүндөгү төшөктү ачып, - Дагы эмне болду? Жинди күйөөң келген го, ушуну өлтүрүп салыш керек болуп калды, - деп ачуулана ордунан турганда, Акинай:

- Болду, сен киришпе, өзүм жоготом аны, - деди.

- Качан болсо ошону коргоп басып жүрөсүң, бир күнү ал сени өлтүрүп койот минтип жүрсө!

- Ажалым ошондон болсо көрөөрмүн, көрөөр күнүм болсо аны жолотпой коюуга алым жетет, - Акинай күңкүлдөп инисине айтып коюп ары карап жатып алды.

Бекзат ал күнү келбеди, Бектур уктабай күтүп жатты. Эртеси ал эжесине карап:

- Жалгыз калганда келип дагы асылып жүрбөсүн, үйдө болбо, мен жумушума барбасам да болбойт, - деди үңкүйө боору ооруп.

- Ушул кебетем менен кайда барам? Өлтүрүп ийбейт, жумушуңа бара бер.

- Сыртыңдан кулпулап койойунбу?

- Кой тим эле кой! - Көңүлсүз күңк этти, - бара берчи!

Бектур унчукпай чыгып кетип баратканда алдынан Бекзат чыгып калып учурашып калды.

- Жезде, бул эмнеңиз, мынча эмне кордойсуз? Мындай болсо жашабай ажырашып алгыла да. Ушул убакка чейин мен бир ооз эчтеке деген жокмун. Балаңар турат.

- Бектур, кечирип кой, мындан кийин мындай болбойт.

Бекзат андан кечирим сурап күнөөлүдөй башын жерге салды.

- Азыр аны докторго көргөзөм, сиз бара бериңиз, үйгө кирбей эле коюңуз, - деди Бектур.

- Бектур, аны докторго өзүм эле көрсөтөм, бара бер, - дегенине ал болбоду, үйгө ээрчий кирди.

Бекзат Акинайдын жанына отуруп алып көпкө үнсүз аны карап отурганда Орозбай келип калды:

- Ой бала, сен көпкөн экенсиң, менин кызымдын кайсы күнөөсү үчүн минтип жүрөсүң? Тур азыр чыгып кет, мен сени менен жашатпайм мындан ары! - деп бакылдап кирди.

- Ата, сотко берип эле ажыратып коюш керек, минтип жүрсө бир күнү өлтүрөт, коопсуздугун коргоп койбосо болбойт, - Бектур Орозбайды карады.

- Сотко өзүм берем, ушинтип ызылдашып жүрө беребизби. Акинай, тур кызым, сени ооруканага жаткырып келейин, - деди.

Акинай ордунан козголуп бери караганда Орозбай чындап чоочуп кетти. Бекзат андан бетер коркуп кетти: Акинайдын ооздору долдоюп, мурдунун үстү жарылып, чекеси томпоюп кеткен эле, өзү ооруксунуп эти от менен жалын болуп турган.

- Мени эмне кыйнайсыңар, эч жакка барбайм. Бекзат менен да жашабайм, баарынан көңүлүм калды! - деди өйдө болуп.

- Ушуну көрүп туруп кантип чыдайм, кызым? Кой, дарыланбасаң болбойт, карачы бетиңе так салып койгон тура, кантип кечиребиз ыя? - Орозбай Бекзатты уруп ийгиси келип токтоду.

Бекзат үнсүз ордунан турду, ал бул жерден тынч гана чыгып кетмек болуп босого тарапка басканда Орозбай:

- Көрдүңбү, эми мындан ары келгениңди токтот! Сага уруксат, башкага үйлөнүп ал, кызымды жайына кой, тынчын алба, экинчи көрбөйүн! - деди.

Бекзат чыгып кеткенден кийин Акинайды ооруканага алып барып жаткырышты. Бул жолу айылдан Турдугул менен Зыйнат келип кечирим сурап жатты. Бир кой союп, куда-кудагыйына кийит-кече кылып Акинайга бир сыйрасын алып келип ооруканадан болбой түз эле айылга алып кетишти. Дагы да Акинайдын Бекзатты кыялбаганынан болду. Бирок Бекзат баргандан көп өтпөй эле Россияга жөнөп кетти. Анын Айнагүл менен бирге кеткенин Акинай кийин укту, жүрөгү жүз жеринен тилинип, көзүнөн жаш чыкпаган менен ичтен ыйлап жатты. Уулун көтөрүп алып апасына барып аны менен кеңешти да, мектепке иштемек болду. Ал кайненесинен тартынып корунбай да калды: "Эмне кылса ошол кылсын", деп отуруп алат көпчүлүк убакта. Бекзаттын иш баштамак болуп алып койгон кредити төгүлбөй өсүп жатты. Аргасы кеткен Акинай шаардагы атасы алып берген үйүн сатып келип төктү. Кайнатасы аны менен иши жок, кийинки күндөрү жашынын өткөнүнө карабай өзүндөй теңтуш чалдар менен кошулуп ичип келчү болду. Акинай иштеген айлыгын аларга жумшап коюп азап чекти. Үйүн сатканда жаңыдан чыккан телефондон алып алган эле, Бекзат менен сүйлөшмөк болду, бирок дал ошол күнү ал өзү чалып калды, анткени переговор менен сүйлөшкөндө телефон алганын айткан болчу.

- Ало Акинай, - деди ал алаары менен.

- Эмне?

- Акинай, сен кете бер, экөөбүз жашай албайт экенбиз, мен бияктан үйлөнүп алдым, - дегенде Акинай саамга үн катпай калды, - Угуп атасыңбы, мен барганча үйдөн кетип кал!

- Кетип, кайра келе бергидей мен сага оюнчук эмесмин. Кредит алган сенсиң, мен үйүмдү сатып төлөдүм. Эми ал акчаны сот менен болсо да өндүрүп алам, сен үчүн мен үйүмдү саткыдай ким экенсиң? Айнагүлгө коротконсуң, экөөң жакшылыкча акчаны салып ийбесеңер розыскка берем!

- Эн-неңди, үйүңдү эмес өзүңдү сатсаң да төлөп бербейм, эмне кылсаң өзүң бил! - деп трубканы коюп койгондо Акинайдын заманасы куурулуп, катуу ойлонгондон турган жеринде жыгылып калды.

Аны көргөн Зыйнаттын жүрөгү түшүп, күйөөсүн карады. Ал мас эле. Жүгүрүп чыгып коңшусун чакырып келди. Экөөлөп үйгө киргизип колдорун ушалап эс алдырды. Көзүн ачкан Акинай:

- Мени кыйнады го, ушунчалык эмне кылдым эле ага? Ал "үйлөнүп алдым, кете бер" дейт. Мен анын кредитин төлөгөнүмдү айттым, мен эми токтой албайм, кетишим керек! - деди.

- Эмне кылайын айланайын, аман-эсениңде кетсең кет, жүрөгүмдү түшүрдүң, - деди Зыйнат кейий.

- Бекзатың начар жигит болду, Зыйнат, керимселдей керилген келиниңдин баркына жете албады. Айнагүлдүн мындан эмнеси артык? Эгер ал сенин үйүңө көчүгүн батырып алса, жатып алып чай кайнаттырып ичет сага! - деди коңшу аял Бурул.

- Эмне кылайын эми, баланын өзүн тууйсуң, кыялын туубайт экенсиң да?

- Туура, башка балдарың бир тең, мунуң бир тең болду.

- Өзү билсин, - Зыйнат мелтиреп отуруп калды.

Акинай ордунан туруп кийим-кечесин чогултуп, уулун кийинтип алып:

- Мен Бекзаттын айтканы менен болдум, барса балам үчүн кайра-кайра келип аны сыйлаганымды билбеди, мага ыраазы болуңуздар? - деп үйдөн чыгып кетти.

Зыйнат отурган жеринде үндөбөй кала берди: "Эне болгонум үчүн канча анын сөзүн сүйлөп келинге деле жаман көрүндүм. Ырас эле Айна келин болуп келип алса Турдугул экөөбүздүн эки бутубузду бир кончубузга тыгат, Бурул айткандай күң кылат" деп телмирип отура берди. Бурул аны жайгара:

- Эмне кыласың эми, бечара жүдөп деле бүттү, кетсе кетсин. Бекзат кетип атканда эле Гүлсүн айткан, Айнагүлдү алып кетет имиш деп, - деди да аны карады, - Сенин да шоруң көп экен, улуу балаң урушуп койсо болмок, аларга айткан жоксуңарбы?

- Аларга айтканда эмне, өз оокат, тиричилиги менен алек, бала-чакасы бар, колдору деле бошобойт... - Зыйнат улутунуп алды: балдары айда-жылда бир келсе келип келбесе жок, кабар алчу эмес, аны эне кантип айтат, өз карачечекейлерин жаман дейби?

- Кой эми үйгө барайын, жок дегенде келинге кошомат кылып баласын алып турбасам болбойт, болбосо бирдеке бербей ачкадан өлбөйүн, - деди күлө.

- Койсоңчу Бурул...

- Апей ботом, келинге кошомат кылып эле калдым, катуу айталбайсың, сый болуш үчүн өзүңдү сыйлашың керек да кокуй, сүйлөмөк турсун "Гүлсүн, Күкү" деп отурам, - деп белин таяна сыртка карай жөнөдү.

- Мейли, барсаң бар, - Зыйнат аны ээрчий чыгып короонун эшигине чейин кошо барганда Гүлсүн келе жаткан экен:

- Апа, заматта кайда кетип калдыңыз? Мен тамак жасайын десем Урмат ыйлап жасатпай жатат, көтөрүп алыңызчы, - Ал дароо жете келип Бурулдун артына баласын мингизди да кайра кетти.

- Мына көрдүңбү, ушунда-ай, - деп акырын башын чайкап койду Бурул.

Экөө көпкө кобурашып жол жээгинде турушту.

Турдугул короодогу жыгач-ташын карызына карматып, аракка берилип кетти. Карыган кезде ичкиликке алдырып, балдарындай немелерге уят болду. Карыздап ичип, үйүндө болгонун өткөрүп, келини Акинай там салабыз деп алып койгон бир үйдүн материалын түгөл бүтүрдү.

- Сени кудай урду карыган кезде, Бекзат болсо тигинтип тиякта жүрсө жалабын ээрчитип, сен биерде эчтеке менен ишиң жок ичип-чыгып жүрө берчү болдуң. Эми алтымыштан ашканда аракка кирип жиндисиңби ыя?

- Эй кемпир, мени жайыма кой, менде кандай санаа бар экенин билбейсиң. Ошо балдарыңды багып чоңойтуп койсок минтип биз менен иштери да жок. Арзыматың болсо эки жылда бир келет келсе, келбесе жок. Баласы жоктон бетер экөөбүз сүзүшүп отурабыз. Бекзатың үйбүлө дегенди билбей келин-кыздын артынан кетип дейди болду, анан мени ичпе дейсиң!

- Ийи, ошо жинди сууну ичкенде эле баардык кемчилигиң толукталып калдыбы анан?

- Толукталбаса да унута түшөм да-а кемпир, жок дегенде кыздарың келип турбайбы. Тентини кыздары эле багып жатат, ай сайын акча салып, кант-чайын жөнөтүп багып атканын сен деле көрүп атпайсыңбы?

Турдугул күйүткө ичип жатканын түшүндүргөндөй болду, аны Зыйнат кайдан түшүнмөк: "калжаңдабай жерге кир десе, башка азабым деле жетиштүү эле, ушунуку өттү" деп кирдеген кийимин жууп атты. Улуу кызы келип калган экен, кейип-кечип ага арыз арманын айтып отурду. Ал атасын урушуп, кийимин которуп жатып:

- Ата, экинчи дагы ичсеңиз апамды алып кетип калам, карыганда сиздин ылайга чыланган кийимиңизди жууп куурамак беле? - деди.

- Ичпейм кызым, экинчи ичпейм, апаңды алып кетип мени жалгыз тамда өлсүн деп атасыңбы?

- Өзүм баргандан кийин Сейилди жиберем, ал силерди карабаса болбойт, - деди Жанаркүл, - Арзыматка да барып айтам, балдарыңды чогултуп жыйын кылбасам болбойт, экөөңөрдү карыганда караганга бирден балдары менен кошо азык-түлүгүн алып келе тургандай кылам!

- Өзүңөр эле билгиле. Балдар караан болмок, бизге ошол керек, тамак-ашы курусун, мал-сал турат, өлбөстөй оокат турат, - Зыйнат муңайып турду, чынында балдарына таарынып турган.

Жанаркүл үч-төрт күн туруп анан кетти.

Көп өтпөй эле Сейил келип калды, ал он алтыдагы мектеп окуучусу, бою узун, чачтары тармал, көздөрү көгүш, оруска окшоп музоо кирпик сары кыз. Алар жээни келгени оңуп эле калды. Турдугулду эки жакка чыгарбай аз аздап арактан алып келип берип аздап ичкилигин койгонго ал да оңоло баштады. Сейил шаарда чоңойгонго назик, илмейип арык, ошентсе да ал таене-таятасына бир топ жеңилдик кылып койду, анан да эрмек болгонучу. Бекзат телефонго чакырган экен, Зыйнат Турдугул экөө тең барды.

- Ата, - деди Бекзат, - Акинай кеттиби?

- Ох атаңдын оозун урайын, "кеттиби" деп, ал кетпегенде сага зыяны тийдиби? Ал кетип үйдө апаң экөөбүз картайганда жалгыз калдык, силердин кызматыңарды качан көрөбүз ыя? - деп Турдугул анын үнү угулары менен урушуп тилдей баштады.

- Ата, ал кетсе кете берсин, Айнагүл силерди жакшы карайт, жакында барабыз, анын ата-энесине баргыдай болуп камына бергиле! - деди Бекзат эч кам санабай.

- Келбе, Айнагүлдү алып келсең үйгө киргизбейм! Мен неберем менен Акинайды гана киргизем, башканы алып келем деп ойлонбо! - деп трубканы коюп койгондо Зыйнат ага жини келе:

- Ой жинди болдуңбу, мен сүйлөшпөйт белем, ушу сен акылыңдан айнып баратасың го дейм? - деди.

- Сүйлөшпөй эле кой, тиги Сапарбектин кызын үйгө алып келем дейт аның, дейди атаңоозурайын десе...

- Алыста жүргөн балага антип жаман айтпай жүрбөйсүңбү, "эмне болот, эмне жок" деп ойлосоңчу? - Эне кабатырлана аны ээрчий басты, - Балаң өзү катынпоз болду го, жаш кезиңде сен дал ошондой болчусуң, ал сени эле тартты.

- Мен сени кет дедим беле? Калганы болсо болгондур, - Турдугул мойнуна албай астыда кетип жатты. Экөө ээрчише үйүнө келди.

Акинай эми өзүнө келип, жасанып-түзөнүп ишке киришти, ал Курман менен эми аянбай жолуга баштады, экөө сый гана бирге басат, сейилдеп көңүл ачып барларда отуруп пиводон ичип эс алышат. Баягы токмоктон кийин анын оң жаагында, эрдинин үстү билинер-билинбес тырык болуп, мурдунун үстүнө так түшүп калган. Сүйлөшүп отуруп Курман ойго батат: "кайран келин, айдай бетине так түшүп күйөөсүнүн азабын тартты, эми ал ушул бойдон ажыраса түзүк, баскан жолунан чыга калып уруп-сого берсе күн көргөзбөйт го?" деп.

Күндөн күнгө экөөнүн мамилеси ысык болуп, анча-мынча мугалимдер аларды билип калышты. Арадан үч жыл өтүп кетти. Бекзат кайрадан Акинайга жалынып-жалбарып телефон чала баштады, Акинай телефондун номерин которуп эс ала түштү. Изат үч жаштан өтүп чулдурап ширин тили менен анын эбедейин эзип, кубанычка бөлөп өзүнчө эле бактылуу. Бектур үйлөнүп өз үйүн бүтүрүп өзүнчө жашап калды. Шайымкүл балдарынын баары чоңоюп шаарга баса бергенинен улам Акинайдын үстүнө көчүп кирип алды. Жашоо өз нугу менен өтүп жаткансыган менен жүрөктүн түпкүрүндөгү өкүнүчү Акинайды уктап жаткан жеринен ойготуп айсыз караңгы түндүн далайын уйкусуз өткөрдү. Орозбай өзүнчө үйбүлөсү, эки баласы болсо да аларга ар дайым келип кабар алып, кеп-кеңешин айтып турат. Акинайды кытай тилин үйрөнүүгө атайын курска киргизди. Үч айдан кийин ал сертификат алып, Кытайга жөнөгөнгө документ даярдап жатты. Анын кабарын уккан Курман бир күнү атайын келди. Анын короонун оозуна келип телефон чалганын билбей Акинай "үйдө эмесмин" дегенде ал каткырып күлүп калды:

- Ало Акинай, мен сени көрүп турам, калп айтпай жүрчү ээ?

- Кайдан көрүп турасың? - Акинай калдастай түштү, - Тамашалабачы?

- Сен короодо апаңа билгизбейин деп сүйлөп атасың, мен сыртында жүрөм, он метр бассаң мени көрөсүң! - дегенде Акинай жүгүрүп чыга калса өзүн күлө карап туруптур.

- Оой жинди десе... - Акинай каткырып ийди, - жөн эле кирбейт белең?

- Сүзө кагып киргендей ыймансыз жигит эмесмин да!

- Койдум байкеси, кир эми үйгө!

- Жок, ушул жерден эле кетем, бир аз колуң бошосо мээ сергитип келбейлиби?

- Оой жок, иштер көп, жетише албай атам, капа болбочу Курман.

- Эч нерсе эмес, бирок менден качсаң да тагдырыңдан качалбайсың Акинай, эмнеге мага айтпай Кытайга кетип жатасың?

- Ким айтты? - Акинай таңгала суроолуу карады.

- Уктум да.

- Кызык экен, бирок сага айтканда не Курман, биздин жолдор бирикпейт, бекер убарачылыктын эмне кереги бар экөөбүзгө? - Ойлуу телмирди, - Мен өзүмдөн өзүм качып атам, бул жашоодо арманым, өкүнүчүм менен кубанычым шерик болуп санаа менен өтө турган болду өмүрүм, өзүм менен кошо бирөөнү да кайгыга салгым келбейт.

- Акинай, сен антпе, эгер тил алсаң эч жакка кетпей эле кой, үйлөнүп алалы, мен сени кадырлап алганга алым жетет!

- Кой Курман, Бекзат көптүн бири эмес, мени кандай гана кыйнады, ажырашам дегениме болбой...

- Андан коркпо, биз алыс-алыс кетип калабыз, менин ата-энем сени абдан жакшы тосуп алат, кызындай көрөт, көрөсүң го, мен эң кичүүсүмүн...

- Жок болбойт! - Акинай терс бурулуп кетти, - Сен мени кечир, аздыр көптүр бирге жүрүп теңтуштарча мамиледе болдук, сен менин эсимде дайыма бирге болосуң, унутпайм...

- Токточу Акинай, бир мүнөткө? - Курман сураныч кыла анын артынан ээрчий басты, - Бир гана адамга көңүлүң ооруп калса башканы да ошондой сезгениң болбойт, ушул бойдон өтпөйсүң, мезгил өткөн сайын баары унутулат.

- Мен унуталбайм Курман, кийимге түшкөн жашты жууса кетет, жүрөктөгү карайган такты жууса да кетпейт. Апам эмне деп ойлойт, мен үйгө кирейин.

- Макул, көрүшкөнчө, - Курман машинасын көздөй басты.

- Жакшы бар! - Акинай колун булгалап күлүп кала берди.

Санаа басып кирген кызын Шайымкүл боору ооруй карады:

- Эмне болду?

- Эч нерсе, иштешкен таанышым келиптир.

- Ии-ий да, - унчукпай калды, - Баса ишиң бүттүбү, качан жөнөгөнү жатасың?

- Азырынча так эмес, бир аз документтер бүтпөй жатат.

- Аа-а, - деп койду Шайымкүл.

Андан башка сөзгө өтүшкөн жок.

Эне ойлонуп жатты дилинде: "Жанагы жигит дурус неме көрүнөт, ошого күйөөгө чыгып алса жакшы болот беле, Бекзат да үмүтүн үзөт эле, эми мен айткан менен укпайт, жүрөгүн оорутпай эле койойун", деп ойлонот, бирок айтууга оозу да барбайт.

Акинай эч нерсе болбогондой зымырайып жүрө берди. Күндөрдүн өтүшү менен Акинай өзүнө келип, жүрөгүн өйүгөн санаадан бир аз арыла баштагансыды. Кетээрине эки күн калган. Бекзат телефон чалды. Аны биле коюп апасына берди:

- Ало, ким экен бул? - деди Шайымкүл билмексен боло.

- Апа, кандай жакшы жатасыздарбы, Изат чоңоюп калдыбы?

- Жакшы, чоңоюп атат.

- Акинай иштеп жатабы, телефонду берип койосузбу?

- Ал жок Бекзат, жакында турмушка чыкты. Эми анын да, биздин да тынчыбызды алба!

- Кантип, ажырашпай туруп кандай....

- Ушинтип эле, эгер алгың келсе бала сеники, келип алып кет! - Шайымкүл телефонду өчүрүп койду, - Туура кылдымбы кызым? Үмүтүн үзүп калсын.

- Жо-ок апа, туура кылган жоксуң! Ал жөн эле калып калчудан эмес, ал ошондой жүрөгү таш неме, ого бетер өчөшөт эми, - Акинай апасына нааразы боло үн катты, - Сен аны билбейсиң, ал жетип да келиши мүмкүн!

- Опей ботом? - Шайымкүл чоочуп кетти, - бирок билгизбе, сени бир жумага чейин менин курбумдун үйүнө катып койойун.

- Эч жакка барбайм!

- Анда эмне болот?

- Эмне болсо ошол болсун, тажап кеттим деги ушинтип жашоодон, - Акинай ыйлап алды.

- Болду эми, өзүңдү өзүң кыйнабай, - Шайымкүл Акинайды бооруна кысып көпкө отурушту эне бала.

Эртеси Шайымкүл Акинайды көндүрүп теңтуш курбусу Жамийланын үйүнө алып барып койду. Бир жумадай аныкында зеригип жаткан Акинай: "келбей калды, келсе эмдигиче келип калмак" деп ойлоп үйүнө кетмек болуп кийинип жатканда алардын телефону чырылдап калды, Жамийланын кызы алып Акинайды карады:

- Сизге чалып жатат.

- Ало, - деди трубканы ала койгон Акинай.

- Акинай, Бекзат келип кетти, мен атаңды чакырдым, сен жылбай отура тур.

- Макул, ал эмне деди?

- Эмне демек эле, "жашайм, Россияга алып кетем, мени алдабагыла, ишенбейм" дейт.

- Ал ошентет апа, бекер кылдың... - Акинай дагы көзүн жаштап алды.

- Коркпо, мен сени "күйөөсү экөө Кытайга кетип калды" деп койдум.

Акинай сүйлөбөй тилден калгандай тура берди, жанына аяш энеси Жамийла келип трубканы алып ордуна койду да колтуктап диванга отургузду:

- Капаланба кызым, бул күндөрүң да билинбей өтүп кетет, баары унутулат. Баса, чын эле күйөөгө тийип кетпейсиңби, менин иним бар, өзүм келин кылып алайын сени.

- Аяш эне, кереги жок, ушундай түшүнбөгөн эрим турганда кантип...

- Ой андайлар тез түңүлөт, сенин кошуналарыңдан сурап билип алып ишенбей жатат да, эгер чындап тийип кетсең айласы жок унчукпай калат.

Акинай үнсүз отура берди, көптө барып жуунуп келип столго отурду, ошол убакта сырттан бирөө кирди. Жамийла туруп барып бирөө менен шаңкылдай сүйлөшүп атты, анан ээрчишип кирип келатты. Акинай унчукпай ойлуу эч кимге көңүлү келбей отурганда:

- Азыр эле сен жөнүндө Акинайга айтмак болуп отурган элем, келгениң жакшы болду, - деп Жамийла шакылдап отура кетти. Акинай башын өйдө көтөрүп Курманды көрүп элээ карап калды.

- Кандай Акинай, - Курман баш ийкей учурашып калды эле, Жамийла инисин таңгала карады:

- Ой, силер таанышсыңарбы?

- Бир мектепте иштейбиз да?

- Ошондой! Бул менин бир тууган иним, эң кичүүбүз, - деп тааныштыра кетти Жамийла, - өзүңөр тааныш экенсиңер, - Инисин карады, - Бул подругамдын кызы.

- Жакшы, сиздин аяш кызыңыз тура?

- Ооба, менин аяш кызым десем да болот.

Үчөө көпкө чейин сүйлөшүп отурушуп чай ичишти. Курман ал күнү аерде калып калды. Акинай көңүлсүз жатып алган. Жамийла инисине Акинайды айтып көрдү эле ал өзү да жактыраарын билдирди.

Шайымкүл балдарын, күйөөсүн чакырып алып Бекзаттын ата-энесине барып милицияга берээрин айтты эле, Турдугул алар менен кошо келди. Коркунучтуу айыпкерди күткөндөй үч күнгө чейин күтүп атып, Бекзат түндөсү мас болуп келгенде баары аны каршы алды эле, ал делдээ түштү. Мастыгы заматта таркай:

- Ата, биерде эмне кылып жүрөсүңөр? - деди.

- Эмне, келсем болбойбу? Сени алып кетейин деп келдим. Акинайды кыйнабай үйгө жүрү же түрмөгө отургуң келип жатабы? - деп Турдугул ачуулана урушуп кирди.

- Мен дагы ошону ойлоп Изатты бир көрүп анан кетейин деп жаткам, - деп Бекзат тайсалдай желкесин кашыды.

- Изаттын атасы болгонго татыктуу боло алдыңбы? Аны козгобой тим кой, чоңойо берсин!

- Тийбейм, жөн эле көрүп, анан өөп алайын.

- Мейли, өпсөң өп, - Турдугул ушинткенде Шайымкүл Изатты уктаган жеринен көтөрүп келди.

Бекзат аны эки бетинен өөп анан чыгып кетти. Турдугул эртеси андан өз колу менен жазылган арызды алып келип берди. Антип Бекзат биротоло келбес болуп кеткенде тияктан Жамийла инисине Акинайды мактап аны ага үйлөнүүгө көндүрүп жатты. Курман өзү жакшы көрөөрүн ачык айтпаган менен ага макул экендигин ачык эле айтты.

- Сен макул болсоң Шайымкүлдү мага кой!

- Эгер Акинай сизге жакса мага да жагат, аракет кыла бериңиз, эже.

- Ой алтыным десе, кокоюп бойдок жүрө бербей атамдарды сүйүнтүп келиндүү кыл! - Жамийла инисин далыга таптады, - Аларга эртең сүйлөшүп анан айылга телефон чалалы.

- Сиз эмне десеңиз мен ошомун, - Курман эжесине ыраазы боло жылмайып койду.

Ошентип эртеси Шайымкүл келгенде дароо сөз баштады. Акинайды карады апасы, ал башын өйдө көтөрүп да койбой эчтеке укпагандай отура бергендиктен унчугушкан жок. Шайымкүл өзүнө сыртынан жагып жүргөн жигит курбусунун иниси экенине, анын Акинай экөөнүн ортосунда бир сыр барын билгендей купуя кубанып алды. Көп өтпөй эле экөө тымызын үйлөнүшмөк болуп айылга жөнөштү. Каникул болуп калгандыктан айылда көпкө жүрүп калышты. Курман Акинайдын көңүлүн оорутпай жар кылып жаркылдатып алып жүрүүгө өзүнө өзү ант берип атты. Акинай андан бетер аны колунан келсе сыйлап өтүүгө даяр. Жайы менен айылда болуп окуу башталаарга жакын шаардагы үйүнө келишти. Күзүндө мектепке ээрчишип барганда кесиптештери куттуктап жатышты:

- Куттуктайбыз, бактылуу болгула!

- Абдан бири-бириңерге төп келген жар болупсуңар, ылайым бактылуу болгула! - дешип бири тамашага чалдырса, бир даары чын дилинен каалоолорун арнап куттуктап атышты.

- Тойду качан бересиңер? - деп экөөнөн доолашып калышканда Курман аларды үйүнө чакырды. Коллегалары белектерин көтөрүп келип шарактап ырдап-бийлеп, көңүлдүү отурушту. Экөөнө арналган жакшы сөз, каалоолор ыроолонуп түнү менен көңүл көтөрүштү.

***

Жамгырбек сырттан кирип келгенде эле эки небереси ага жүгүрүп жетип асылып калышты.

- Ато-о!

- Апа-а!

- Оов-оов, каралдыларым овов! - көтөрүп ала коюп өпкүлөп, жан алы калбай жалбарып киргенде Сонунбү менен Карина артынан карап турушат. Эгиздери үчкө чыгып, тили чыгып чулдурап чоң ата, чоң энесин, өз энесин кубанычка бөлөп турган кез.

Азимкан бир күнү Имаратты жумуштан келээри менен жанына чакырды. Ал токсондон ашса да кирип чыгып денсоолугу жакшы, неберелери ага кубат болуп бүгүн эртең алыс сапарга аттанчудай таза кийинип эки жакты карап тың. Имарат атасынын жанына отурду:

- Ата, чакырдыңыз беле?

- Отур уулум, сүйлөшө турган сөз бар, - деди Азимкан. Жанында чапанынын этегине оронуп Досбол атасын карап кылтыйып отурган, аны колу менен кымтылап койду, - Уулум, Каринанын башын ачып элге кошпосок болбойт, ал өмүр бою ошол жерде жүрө бермек беле?

- Ата, аны мен деле ойлогом, ал балдарын таштап кете алабы?

- Кетет, ал жерде жүрүп карып кетмек беле, өз бактысын табыш керек ал дагы. Неберемдин аерде түбөлүк калышын, сарсанаа, убайым тартышын каалабайм. Камынгын, эртең барып Жамгырбекке кеңешип, Каринага жооп берсин.

- Эмне кылайын?

- Козу сойдур, Асылбүнү, анан тиги Кушубактын аялы Салкын жеңеңди кошуп алалы, Каринаны алып келебиз, - деп буйрук берди Азимкан.

Анын айтканы айткан каршы болгондо болбойт. Имарат да ичинен туура көрдү, неберелерине белектерди алып, козу союп Каринага, куда-кудагыйына кийит-кечелерди алып эртеси жөнөп калышты. Карымшакты аялы менен ээрчитип алды, ал Азимкандан кичүү иниси, жетимиштен ашкан карыя.

Алар келгенде Жамгырбек неберелерин ойнотуп чечекейи чеч боло кубанып отурган эле. Өзү чыгып карыялар менен ийиле учурашып ызаат менен үйгө киргизди. Жайланып отуруп бир чыныдан чай ичкенден кийин Жамгырбек чыгып конок камын көрүүгө буйрук берип кайра кирди.

- Балам, биздин келгенибиздин себеби, биз Каринанын башын азат кылууңарды суранып келдик, - деп Азимкан сөз баштаганда Жамгырбек менен Сонунбүнүн башы шылк эте жер карап тунжурай түштү. Эртеби-кечпи акыры ушундай болоорун сезип жүрүшкөн менен негедир аны өзүнүн кызы катары ойлоп өз үйүнүн мүчөсү катары кабыл алып калышкан: "аттиң, ушинтээрин билгем, келин түбөлүк балаңдай болбойт тура", деп экөө тең ичтен сызып баары сөзгө кулак салып дым эткен дабыш угулбай дымып калышты, - Силерге да оор экенин сезип турам, бирок Карина жаш, анын багын байлабайлы. Илгертен салтта бар, эри өлгөн аял өмүр бою тул бойдон калбайт, башы азат болот же агасы өлсө иниси дегендей кайнисине нике кыйылган, бирок азыркы жаштар ал салтты четке кагып заманга жараша өз тагдырларын өздөрү чечишет. Уруксат бер балам, Каринаны алып кетели, ал силердин да балаңар, балдары турат, келип турат! - деди Азимкан.

- Аксакал, туура айтасыз, Карина жаш, биз да аны кармай албайбыз, ыраазыбыз кызыма, бирок мен Каринаны татыктуу күйөөгө узатууну пландаштырып койгомун, эгер туура келсе силерге аны тааныштырайын, - деди Жамгырбек чечкиндүү сүйлөп. Анан телефон чалып бирөөлөрдү чакырды, - Мен Каринанын уулумдун учугун улантаар уулдарымды өз колума алып келип, ыймандуу бүлө болуп үйүмдө татынакай өстүргөн гүлүм сымал, үйүмдүн кубанычы, бактысына шериктеш болгонуна сыймыктанам жана ыраазычылыгымды билдирип, - Ал Сонунбүнү карады, ал туруп барып дипломат көтөрүп келди, - Ушуну үч жыл мурун үйгө келгенде Каринага бергемин, биерде бир үй, бир машинанын ачкычы бар! - деп ортого койду, - Мен ыраазымын, ушундай тарбиялуу кызды өстүрүп койгонуңарга. Бир гана арманым, уулум тирүү болгондо Каринам үйүмдүн куту, жаркыраган жылдызы, ушул үйдүн кожейкеси болмок, ошону буйрубаптыр. Аргам жок, мынабу эки чүрпөмдү көргөнгө кубаттанып ушуга топук кылып отурабыз, - деп сөзүнүн артында муңканып кетти.

Аңгыча эшиктен машинанын сигналы угулду. Жамгырбек чыгып салабаттуу эки адам, бир аял анан жаш жигитти коштоп кирди.

- Саламатсыздарбы? - дешип, алар карылар менен учурашып орун алышты.

Жаш жигит тартына четке отуруп калды. Карина Жамгырбек отурган жерге баш бакчу эмес, ал азыр дагы бул бөлмөдө өзү жөнүндө сөз болуп, тагдыры чечилип жатканын билбей уулдары менен алек, тамак берип, кайра уктатып балдарынын бөлмөсүндө. Аңгыча тамак астыга келип конокторду ырааты менен сыйлап атышты. Эт желип, колго суу куюлуп бата кылгандан кийин Жамгырбек тамагын кыра үнүн жасап алды:

- Урматтуу коноктор, туугандар, мен силерди чогултуп отурганымдын негизги себебин айткым келет! - деп Сонунбүнү карап койгондо ал ордунан туруп барып балдарын уктатып коюп отурган Каринаны алып келди. - Кел кызым, - деп койду Жамгырбек аны карап, - Мен Каринаны өзүмдүн кызым катары, анын тагдырын дагы өзүм чечким келет! - дегенде Карина селт этип алды, бирок ага каршы сүйлөөгө батынмак эмес.

Азимкан менен Имарат бири-бирин карап калды.

- Балам, бизди жөнөтүп коюп өзүңөрчө кеңешсеңер болмок, - деди Азимкан салмактуу.

- Аксакал, мен ушу силердин көзүңөрчө бир орчундуу маселени чечмекмин, кызым Каринаны өзүмдүн жардамчым Дениске күйөөгө бермекчимин!

Карина үндөгөн жок, анткени Денис кээде келип-кетип, Карина да аны ичинен жактырып жүргөн. Калгандары жапырт Каринаны тигиле карап калышты, ал жер карап отурганынан жазбады. Имарат чыйпылыктап атасынан озунуп сүйлөгөнгө батынбай бир сыйра баарын карап тамагын кыра:

- Жаке, бул сиздин оюңуз, атасы болгонумдан кийин мен кызымдын тагдыры үчүн камтама болуп отурам, анын оюна туура келбеген иш кылып албайлы! - деди.

- Бул иш мурдатан сүйлөшүлгөн, Каринам менин сөзүмө менимче каршы эмес, - Жамгырбек ага карады, - Кана кызым, бул жерде сенин тагдырың чечилип жатат, мен да өз атаңдай эле болуп калдым, булар болсо өзүңдүн ата-энең, эч кимден тартынбай өз оюңду айт! - дегенде Карина башын өйдө кылып Сонунбүнү карады эле, ал жылмая башын ийкеп койгондо ата-энесин, чоң атасын карады да:

- Мен атамдын сөзүн кайтара албайм, сиздер кандай чечсеңиздер мен ошого макулмун! - деди.

Эч кимиси үндөбөй калышты.

- Балдар! - деди Азимкан ортодогу тынчтыкты буза, - Эгер Карина каршы болбосо биз да каршы эмеспиз, бирок кызыбызды үйүбүздөн узатууга уруксат бергиле!

- Туура, кыздын төркүнү болгондон кийин өзүбүз узаталы, - деп коштоду Карымшак.

- Болду, сөз бүттү, биз макулбуз, - Жамгырбек баарына ыраазы болгон түр менен жылмайып койду, - эмесе чечиштик да?

- Биз макулбуз, - деп Имарат эс ала түштү.

Ошентип жакшы адамдар чогулган жерде жакшы маселе козголсо жакшы иш бүтөөрү маалым эмеспи, бабырашып сүйлөшүп тойду кайсы күнгө өткөрөөрдү кеңешип алышты. Сонунбү Каринаны жакшы кийинтип, кеткенге даярдап аны сооротуп атты, анткени ал балдарынан бөлүнгүсү келбей ыйлап отурган. Кантсе да эне эмеспи, тойпоңдоп жүгүрүп калган бири-бирине куюп койгондой окшош наристелерин кыялбай жатты.

- Кызым, сен үчүн эшигибиз дайыма ачык, качан келсең келип тур, сени биз колубуздан келсе өмүр бою колубуздан чыгаргыбыз келген эмес, бирок жашоо деген ушул тура, сен дагы өз жолуңду табышың керек, жашооңду улантышың керек. Өмүр деген кыска, ошол кыска өмүрдө ар бир адам баласы алдыга максат коюп жашап, максатына жетүүгө аракет кылат, капаланбай атаңдар менен бар, алар да сенин тагдырыңды ойлоп кабатыр болуп атышат, тойдо балдарды алып атаң экөөбүз барабыз.

- Апа, апакебай, Эрлан өлбөй койгондо эмне-е?! - деп кайра Сонунбүнүн сай-сөөгүн сыздата боздоп жатты Карина.

- Сонунбү, балдар менен Каринаны алып чык! - Жамгырбек оозгу бөлмөдөн үн салганда Сонунбүнүн жүрөгү болк этип алды: "балдарды дейби? Аларды кошо берип ийип экөөбүз сүзүшүп кантип отурмак элек?" деп ойлоп жүгүрүп чыкты:

- Балдарды эмне кыласың, уктап атышат.

- Кийинт, ала барып кайра келет!

- Кызык, - Сонунбү аргасыз бейкапар уктап жаткан неберелерин жыттап алып ойготуп кийинтип кирди.

Карина экөө бат эле кийинте салып көтөрүп чыгышты.

- Кызым, балдарды этиет кыл, сак бол балам, өзүңдү соксойтуп жөнөткөнгө дитим барбады, буларсыз апаң экөөбүз кандай күндө калаарыбызды өзүң билесиң. Сен балдар аркылуу бизди кайгыдан сактап калдың, сендей бир эле кызы болгон адам кандай бактылуу? - деп күрсүнө ийнин кагып алды.

- Өзү деле бир кызым бар, калганы уул, - Имарат күлө небересин Сонунбүнүн колунан ала машинага отурду.

Бирин Карина алып чоң атасынын жанынан орун алды, анын жанына Асылбү отуруп Карымшак менен аялы экинчи машинага түшүп жөнөп кетишти. Аларды узата карап турган Жамгырбек ойлуу:

- Жакшы адамдар, ушундай адамдар менен түбөлүк даам татышып куда-кудагый болууну бизге буйрубаган экен, шаарда чоңойгон менен Карина анык кыргыз кызындай. Акылкарачачтын өзү... - деп үйүнө кирип баратты.

Сонунбү "байкушум ай, өмүрүң өткүчө ичтеги сырыңды айтып мени жемелей албай жүрүп өтмөй болдуң го. Кантейин, өз текеберчилигим, кесирим өзүмө көрүндү" деп анын артынан ээрчий үнсүз басты.

Асылбү Каринаны үйгө киргизбей туруп башынан суу айлантып чачып:

- Ушуну менен баары чыгып кетсин, кудай мындан кийин бактыңды берсин! - деп үйгө киргизди.

Ушул учурда Карина өз энеси Берметти ойлоп кетти: "апам кандай абалда жүрөт болду экен, андан кабар алган эч ким жок, мен өзүм менен өзүм болуп калдым" деп көкүрөгүндө ызасы кайнаган менен Асылбүгө ыраазы болуп турду.

Эки күндөн кийин тойго чакыра тургандарды бир сыйра тизмелеп келгенде Азимкан:

- Баягы бакылдак Орозбай байкеңди да айтып кой! - деди Имаратка.

- Макул ата, ал шаарда эмеспи, азыртан айттырып коюшубуз керек.

- Ошент уулум, сенде бир гана кыз бар, аны жакшылап узат, эмки бактысын берсин кудай. Мен да силерден бөлүнөөрүмө аз калды көрүнөт, ушунун жадырап үйдөн узап, алганы менен кол кармашып жүргөнүн көрүп өлсөм арманым жок. Адам жашка тойбойт деген чын экен. Карысам да, алы-күчтөн кайтып баратсам да "эртеңки күндү көрөөр бекемин" деп кечинде жатаарда жүрөксүчү болдум. Өлүм менен өмүр сөөм жакын турат, апаң байкуш ушуларды көрбөй кете берди.

- Ата, апам баары бир биздин жүрөгүбүздө, аны унуталбайбыз, сиз дагы тура туруңуз, биздин ырысыбызсыз, "карысы бардын ырысы бар" деген чын тура, - Имарат карынын көңүлүн көтөрө бала кезиндегидей эркелеп койду, - Мен сизди машинама салып дагы далай ойнотом!

- Айланайын, кудай сага өмүр берсинчи, мынабу балдарың да чоңоюп калды. Эмир менен Темир удаа бой жетип келатат, Нуриң болсо азыр жаш. Татыктуу болгула балам, Досболум болсо мени билбей калаар...

Ата-бала көпкө сүйлөштү, сөздөрү түгөнбөйт. Берметтин камалганын укпаган кары Имаратты олурая карады:

- Бу Берметти дагы чакыраарсың, апасы эмеспи?

- Ата, ал Россияга кеткен бойдон келе элек, келгенде катыша берет да? - Имарат уккусу келбей ордунан туруп кетти.

Болжогон күн да келип, коноктор беш бөлмө үйгө батпай сырттагы эки кабат тапчанга чейин толду. Эки бээ союлуп, кыз-күйөөнү узатууга айыл кошуналар да келип жатышты. Денис күйөө жолдош кылып Курманды ээрчитип келген, алар өздөрүнчө бак ичиндеги боз үйдө. Акинай менен Курман жаңы аяшы менен бирге алардын жанында. Имарат тойду шаңдуу болсун деген ойдо жакшы ырчылардан чакырткан, тойдун ар бир кадырлуу коноктору микрофон менен сүйлөп белектерин берип жатты. Бакберген менен Кутбергенди эл көзүнөн алыс кармап эшикке чыгарбай Эмирландар карап атты. Акырында Денис менен Каринаны чакырып Азимкан ак батасын бермек болду, бакыйган бул карыя сүлөөсүн тебетей кийип үстүнө түлкүдөн колго тигилген ичик кийип элдин чок ортосуна коюлган узун столдун башында отуруп алып экөөнүн колун кармаштыра:

- Балдарым, кармашкан колуңар ажырабай, өмүр бою бири-бириңерди сыйлап, уучуңар узарып, уул-кыз өстүргөн татыктуу ата-эне болгула, улууну сыйлап, кичүүнү ызаттап, ыймандуу болгула, ылайым бактыңар ашып ташып, толгон аягыңар бөксөрбөй элдин уул-кызы дедирген ырыстуу үйбүлөдөн болгула! Оомийин, өмүрүңөр узун, өрүшүңөр жайык болсун! - дегенде тургандардын баары бата кылып калды.

Денис менен Карина карынын алдында ийиле таазим кылып:

- Айтканыңыз келсин! - дешти жарыша.

Коноктор тойдун шаңын чыгара ырдап бийлеп микрофондун үнү айылды жаңыртып турду. Имараттын иштешкендери да катардан калбай кыз-күйөөгө гүл алып келип анын кубанычын тең бөлүшүп атты. Кыз-күйөөнү узатаарда адегенде Азимкан экөөнү чекесинен сүйүп Каринаны өзү колтуктап келип машинага отургузду. Имарат кызын эки бетинен өөп:

- Бактың ачылсын, кызым! - деди көзүнө жаш кылгыра, экөө кучакташып ыйлап бир топко турду. Андан кийин Жамгырбек менен Сонунбүбү коштошушту. Курман Денистин жанына, Каринанын жанына Акинай отуруп, машина ордунан жылды. Азимкан аларды узата колун булгай жол жээгинде жалгыз тура берди. Карынын оюнда эмне бар экенин ким билсин, калгандар өздөрүнчө тойдун шаан-шөкөтүн улантып даңазалуу тойду көркүнө чыгарып бака-шака болуп жатышты...

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз