Айгүл ШАРШЕН


"Айтылбай калган аруу сезим"


- Жарыбаган өлүгүңдү көрөйүн десе, жашабай жатып мунун жалкоолугун кантесиң, тур отун алып келе кал, казанга суу жылыт!.

Силкине заарын чачкан Супакан анын жанына жете келип жонго бир чапты.

- Азыр алып келем да….

Нурлан аны жекире бир карап алып ордунан турду.

- Тукумуң куруган жексур, көзүн кара, тим эле жеп ийчүдөй карайт да, каапырдын көзү жаман!

- Көзүм эмне кылып атат? Башка балдарыңызды жумшабайсызбы, кечке эле мен… - Эки чаканы колуна алып жөнөп баратып сүйлөп баратты, - Окууга да бара албай калдым.

- Ий өлүгүңдү көрөйүн шүмшүк, окуп кыйратып ийгенсиген, балдарымдын балакетин алгыр. Аларга атаандашпай жүр, болбосо башың баш, багалчагың кара таш, каалаган жагыңа кет, каерге барып батаар экенсиң! - Супакан көпкө чейин булкулдап жатты, - Каапырдын көзү жаман, арам тамакты багып башыма түйшүк үйдү, мындай неме түбүндө жакшылык кылбайт!

- Эмне деп эле какшанып жатасың? - Бообек арытан басып келди, - Ага көп эле сүйлөй бербесеңчи, бул баланын көзүндө бир шум бар, кийин өчүгүп калып бирди кылып жүрбөсүн?

- Бул бала соо эмес, эмитен мойнун толгоп каяша айтканын кантесиң? Тууган болбосо капкара жерге кирсин, бооруңду оорутуп багам дебей эле койсоң болот эле го, дагы бири алып кетмек!

- Болду, жаагыңды бас, Нурлан келатат..

Экөө тең үндөбөй калды. Нурлан чакаларын жерге койуп казанды очокко асты да сууну куйуп, от жагууга киришти. Отту тутантып койуп бошогон чаканы алып кайра сууга жөнөдү. Артынан карап турган Бообек ойго батты…

Нурландын атасы Бообек менен энелеш болчу. Экөө эки жакта өсүп, үйлөнгөндө эле катышышкан. Айбек абдан жоош, эч нерсе менен иши жок, өз ишине так жүрүп, калп айтпаган жан. Аялы экөө ушу Нурлан төрөлгөндөн кийин ажырашып кетишкен. Кундуз өтө жеңил, көп сүйлөгөн, көп баскан келин болчу. Ага Айбектин жооштугу жаккан жок, ал тургай төрөгөн баласы Нурланды көргүсү келбей жээрип, төрөгөндөн баштап эле: "Мен али жаш эмесминби, эмитен мага баланын эмне кереги бар? Андан көрө каалагандай жашоону тандап алышым керек" деген чечимге келип "ата-апалап" тамтуң басып калган уулун таштап басып кетти. Айбек уулун кучактап үңкүйүп кала берди. Бообек аны бир тууганы катары жанына эки бөлмө үй салып киргизип койду. Эртели-кеч агасынын малына каралашып уулун багып жүрүп аялынын кетип калганы жандүйнөсүн сыздатып, ичтен сызып жүрүп ооруп калды. Аны врачка көрсөткөндө оорунун жараланып өтүшүп кеткени белгилүү болду. Нурлан үчкө чыкканда Айбек ооруканада жатып көз жумду. Бообек үч жашар баланы бирөөгө кор кылгысы келбей өзүнүн беш баласына кошуп багып алды. Супакан аны негедир өз балдарындай көрө албады: "Шордуу жетим, шүмшүк" деп уруп-согуп, берген ашын жөн бербей каргап-шилеп турчу болду.

Бообек аны далай жолу уруп да, сөгүп да койдура албады. Эс тарта баштаганы Нурлан өз ата-энем деп сезген адамдардан жылуу сезимди көрө албады. Жаңы кийим кийгени эсинде жок, ар качан Бообектин балдарынын эскисин кийип, алар чалчаңдап жылуу үйдө тамак ичип жатышса Нурлан малдын астын тазалап, чөп салып, сугарып, баары туруп кеткенден кийин гана жылымык бирдемени шам-шум этип алат да түгөнбөгөн түйшүктүн артынан түшөт. Бообек ага жаман айтчу эмес. Супакан жининдей жаман көрүп, уу тилин агыта берчү. Эсинде калганы - биринчи класска барганда Тынарбектин эски кийимин кийип, китеп баштыгын асынып мектеп босогосун аттаганы. Ошондо бала болсо да: "Мен адам болушум керек, эски кийим менин келечек жолумдун ачылышына себеп болсун, булар мени кордосо бир кезде өчүмдү алышым керек" деген ойдо ой жүгүртүүсү чоң кишидей кадам таштап өзүнө окшоп алгач мектеп босогосун аттаган мотурайган балдардын арасында ойлуу арткы партага отурду. Жети-сегиз жаштардагы ата-энелүү балдарда кайдагы ой-санаа - каткырып ойноп, бири-бири менен талашып-тартышып атса Нурлан томсоруп жарашыктуу кийинген балдар-кыздарды суктана карап: "Менин ата-энем болсо ушулардай кийинип ойномокмун" деп ойлоп отура берчү.

Бообек ага карап кээде:

- Уулум, окууң кандай, жакшы окуп атасыңбы? - деп сурап калат.

- Горький чырак менен окуптур ата, мен свет барда кантип окубайын? Жүрөгүмдү жылытаар гана адам жок!

Ал ушинткенде Бообек аны жалт карады. Нурлан да аны карап турган экен, көздөрүндө өкүнүчтүн, армандын учкуну жанып, теше тиктеп турганын көрүп, жүрөгү болк этип алды: "Шумдук, баланын көзү мынча неге курч? Бул соо көз эмес, негедир кеги бардай. Кой, Супаканды айтайын, көп эле асыла бербесин, "кемчилдин кеги кайтпайт" дечү эле, балдарга же өзүбүзгө зыяны тийип жүрбөсүн" деп демиге ойлуу отуруп, анан:


- Мен сенин атаңмын, анчалык көңүлүңө ала бербе уулум, сен баарынан кичүүсүң. Ошон үчүн апаң сени көп жумшайт. Ошого да өзүңдү капаланта бербе да? - деп башынан сылай далыга таптады.

- Ата, ачыгын айтыңызчы, менин атам сиздин эмнеңиз эле? Ансыз да уккам, өзүңүз айтсаңыз… - деп Нурлан аны суроолуу тигиле карады.

- Ким айтты, уулум?

- Качан эле уккам, мен силердин өз балаңар эмесмин, чындыгын айтыңыз!

- Оп-паа, демек билем дечи?

- Баарын билем, эгер өз балаңар болсом башкача болмок.. .

Нурлан башын жерге сала үнү буулуп отуруп калды.

- Уулум, кулак салып ук эми, чындыкты айтса айтып берейин. Сенин атаң Айбек менин энелеш бир тууганым, мени төрөгөндөн кийин атам өлүп калган экен, дал сенин курагыңда элем - Бообек Нурландын ийинине колун койо ойлуу, - Апабыз жаш калыптыр. Акыры мени таштап төркүнүнө кетип аяктан күйөөгө тийип кеткен экен, ошол бойдон каттабай жүрүп, ооруп калып өлөөрүндө атаңа: "Балам, сен жалгыз болуп калдың, агаң бар, ошону таап аны менен катышып ал, атаң дагы жок, эми мен да минтип кеткени турам, тууган таап албасаң болбойт" деп аты-жөнүмдү, айылды айтып дүйнөдөн өтүптүр…

- Анан сизди өзү издеп тапты беле?

- Ооба, издеп келди. үйлөнгөн экен, сен бул жерге келгенден кийин төрөлгөнсүң.

- Атам ооруп өлдү беле?

- Ооруду, доктурга алып барганда "кеч болуп калды" дешти.

- Апамчы, апам кайда?.

Көздөрү жайнаган он эки жаштагы уул бала өзү жөнүндө баарын билгиси келгенин жашырбай дилгирлене кулак төшөп атасын суроолуу карап калды.

- Апаңдын кайда кеткенин билбейм, төркүнү кайдан экенин да уккан эмесмин, бир кеткен бойдон ал кайрылып келген жок.

- Анда ага менин керегим жок экен да, эгер балам десе келип алып кетмек… - Нурлан ындыны өчө улутунуп жиберди, көз кычыктары жашка толо муңканып алды, - Андай энени ойлоп да койбош керек экен да…

- Кой уулум, балким ал атаңдын өлгөнүн укпагандыр, укса келмек же колу бошобой жүргөндүр…

- Баласы үчүн эне деген баарынан кечет тура, ал тургай чымчык эне да балапаны үчүн өлүмгө даяр турат экен, ал менин төрөлүшүмдү каалаган эмес окшойт?

Ошол тушта Нурландын көзүнүн жашы эки бети ылдый куйулуп, көкүрөгүнө тамчылап жатты. Бообек аны бооруна кысып алып кошо ыйлап отура берди. Ушул учурда экөөнү көргөн Супакан:

- Эмне болуп кетти, жан этиңен чыккан эмедей кучактап алыпсың, эмне бирдеме болгону кылыптырбы? - деп кергиштей басып келди.

- Ой катын, балада эмне күнөө? Экинчи ушуга сүйлөгөнүңдү көрөйүн, оозуңду жырып алам. Эртең балама бир сыйра кийим алып берем. Быйыл алтынчы класска окуп калды, качанкыга чейин эски кийим киймек эле? - Бообек ордунан тура аялына окурая карады.

- Ошондо эле кемчилиги толуп укмуш болуп кетеби? Тиги Тынарбектин былтыркы кийимдери ошол бойдон эле турат. Ошону кийсе деле өлбөйт, кайдагы акча буга кийим сатып бергидей? - Супакан эрин жиндене карап ажылдаганда ал унчукпай калды, - жетимге жетимдей мамиле, жетимдей кийим-кече гана жарашат. Мындай немени өлтүрбөй багып койсоң төбөңө чыгат!

- Болду эми, жок дегенде китеп капты жаңы сатып берип кой.

- Эчтеке сатып бере албайм, баары турат, кыйын экен ошолор менен окуп алса деле болот, мээси болсо эски менен чоңойсо, анан көрөбүз да! - Супакан күйөөсүн сүйлөтпөй койду, - Аны бүгүн эле көрө калгансыбай кой жайыттан келе электе суу ташыт! - деп басып кетти.

- Апаңа теңелбей эле гой уулум, ажылдаганына отуз жылдан бери түтүп келатам, андан көрө эптеп жакшы окуп чоңойуп алсаң.. .

Бообек жер карай үшкүрүп алды. Нурлан туруп көнүмүш адатынча чакаларды алып сууну көздөй жөнөдү. Кайда барса жүрөгүндө Супакандын ачуу тили, заардуу көз карашы. өз балдарына мээрим чачып, айтканын аткарганы көз алдында. Улуу балдары Сапарбек менен Кумарбек үйлөнүп бала-чакалуу болуп өз алдынча түтүн булатып кетишкен. Алтынбеги чоң окуу жайында окуйт. Зыпар менен Тынар удаа мектепти бүтөйүн деп турушат. Нурлан алтынчыда окуп калган. Күзгү окуу башталаарына аз калган, үйдө баары чогуу отурушкан. Зыпар бүтүрүүчү класста, Тынар тогузда.

- Ата, мен мединститутка тапшырам, - деди Зыпар.

- Өзүң бил уулум, билим алганыңар жакшы эмей, - Бообек уулун карады, - Жазга чейин тиги кысыр калган жылкыны жакшылап баксаң сатып берем.

- Мен дагы окуйм ата, физкультура институтуна барсам деп атам, силер кандай дейсиңер?

Тынарбек да өз ойун айтты эле Супакан:

- Баарың эле окуп-чокуп кетип калсаң атаң экөөбүз эмне болобуз, мал карашканга бириңер калбасаңар жалгыз атаңар каржалып кетет го, чоңойуп алып өзүңөрчө кетип бизди ойлобойт экенсиңер да? - деди.

- Ой апа, Нурлан турбайбы, атама жардам бербегенде эмне кылат? Андан көрө биз окуп алалы, ошонун арты менен эптеп бизди окутуп койгула да. Ал окумак беле, окуп эмне кылат, эптеп аял алып берип койсоңор силерди багат да? - Зыпар Нурланга карап көзүн кыса аны шылдыңдагандай күлүп калды. - Кайда бармак эле, анын күчүн эмне аяйсыңар?

- Мен да окуйм, отличник болуп жүрүп эчтекеге жарабай калмак белем? - Нурлан анын кытмыр күлкүсүнө чыдай албай ордунан тура калды, - Менин дагы максатым бар!

- Бай-бай, максатым бар дечи? Окуш үчүн акча керек, атаңдан калган эчтеке жок болсо эмнеге окуйсуң? - Зыпар аны шылдыңдагандай сурады, - Же сени багып чоңойткону аз келгенсип, окутушка биздин ата-энебиз сен үчүн милдеттүүбү?

- Ошо да, эгер биз бакпай койсок эмдигиче өлмөксүң! - Тынар агасын кубаттап койду.

- Ушинтип баккыча бакпай койсо болмок, томсоруп мээрим көрбөй өскүчө өлүп калганым жакшы болчу!

- Ийи, өлтүрбөй багып койгон күнөө бизденби? Көтөрүмдү көтөрүп койсоң көчүгүңө тебет деген ушул да.. - Супакан аны акырая карады.

- Окуса окуйт да, апаңардын тилине кирбей Нурланды бооруңарга тартпайсыңарбы? Атасы менин иним, бир тууган болосуңар, - Бообек балдарын нааразы боло карады. - Мени сыйласаңар Нурланды кодулабагыла!

- Ой ата, кызык экенсиз, кайдагы бир неме келип "бир тууганбыз" десе ошого ишенип иним дейсиз, оокаты өтпөй жөн эле жармашкан бирөө да? - Зыпар атасына жылмая карады, - Сиз ишенчээксиз, боорукерсиз, ошон үчүн сырыңызды билген бирөө жөнөтүп жиберген да?

- Уулум, силер биздин маңдайыңарда турганыбыздан минтип баатыр сүйлөп, ата-эне кадырын билбей атасыңар. Мени чоң энем айланып-үйрүлүп бакты, андан ушул мал, дүнүйө калды, өз энемдин өңүн көргөн жокмун. Айбек келгенде гана анын өлгөнүн билдим, чоң энемден укканым бойунча азыркы сүрөтү баарын далилдеп турат, антип менин жүрөгүмдү оорутпагыла! - Бообек жер карап отуруп калды.

- Ма-акул эми, атамдын бир тууганы биздин ат кошчубуз болсо болбойбу, кыскасы ат токуп берээрибиз, бияктан мал багып шаарга акча жөнөтүп тургула иниң экөөң, - Зыпар алаканын ушалай туруп сыртка чыгып кетти.

- Атамын ойуна койсо бүт дүйнө-мүлктү Нурланга тең шерик кылгысы бар, ушундайда муну айдап жибериш керек! - Тынар жини келе муштумун түйдү.

- Силерге айдатпай эле өзүм кетем! - Нурлан ордунан октой атылып тура калды, - Эртелеп эле томолой калдым эч кимим жок, кайда барсаң мамайдын көрү дегендей, өз киндигимди өзүм кесем! Ушунчалык багып койгонуңарга ырахмат! - Эшиктен чыга жөнөгөндө Бообек анын күрмөсүнүн этегинен кармай калды:

- Уулум, мени таштаба, алар үчүн эмес, мен үчүн кайт сөзүңдөн, кетем дебе!?

- Ата, мени кармабаңыз, сиз үчүн өлбөсөм бир кайрылып келем!.

Нурлан кайрыла калып буулуга сүйлөдү.

- Жок-жок, уулум, инимдин арбагынын алдында күнөөлүү болбойун, мени таштаба! Мен өзүм сени үйлөнтүп, адам катарына кошууга милдеттүүмүн, кетпе уулум!.

Бообек Нурландын бутунан кучактап жатып алды, ал ыйлап жатты. Нурлан эңкейип аны өйдө кылды. Тынар менен Супакан экөөнү жактырбай чыгып кетишти.

- Сиздин пейилиңизге ыраазымын ата, мени эмнеге баары жек көрүшөт, жетим болгонум үчүн мен күнөөлүүмүнбү?.

Бообекти кучактап алып боздоп ийди, көз жашы жамгырдай төгүлүп жатты. Ошол көз жаш менен жүрөгүнүн түпкүрүндө арманы, өкүнүчү төгүлүп, кандайдыр бир кек көкүрөгүндө уялап кимгедир өчөшүп турду. Балалык таза сезиминде бир гана Бообектен башкасы ал үчүн душманы сыяктуу эле…

Ошондон кийин Зыпары да, Тынары да кирсе чыкса аны жек көрө карап ичинен атасын андан кызганып кетчү болду. Экөө тең чыгып мал карап же чөп чарына жардам берүүнү ойлобой Нурланга түртө салышат.

Бир жолу ал ооруп калды, эти ысып күйүп дөөрүп жатса Бообек өзү малына чөп салып кыгын чыгарып жүргөндө Зыпар:

- Эй турбайсыңбы, атаңдын мураскери, бир аз ооруганга өлбөйсүң. Атаң өлгөндө, апаң таштап кеткенде өлбөй, эми өлмөк белең? - деди буту менен төшөктүн үстүнөн түртө.

- Тим гой, арамзаланып жатат да, атам мунун сөзүн сүйлөп койсо менчиктеп алганын кара. Мураскер булбу же бизби, аны көрө жатаарбыз, - Тынар да чыга калып агасына кошулду, - Атам бир кызык киши да, ушуну коргогон.

- Мейли, биз сабакка кеттик. Туруп малга жардам бер, атаңды кыйнабай.

Экөө каткыра чыгып кетти. Супакан сырттан өзүнчө каргап-шилеп жатты:

- Тузу арамды багып башыбызга балээни үйдүң, бул арамза боор көтөрүп алса куйругун кыпчып басып кетет, жайы келсе малыңды бактым деп талашышы да мүмкүн. Бул шүмшүктү ушундайда жогот десе эле болбойт, балдарга зыяны тийбегендей эле.

- Ой катын, көп сүйлөй бербесеңчи, бала неменин көңүлү ооруп калат. Ал дагы бир кезде киши болот, анан ошондо экөөбүз сый көрө турган болсок боло? - Бообек аялына жини келип сүйлөп атып жүрөгүн мыкчый отуруп калды, - Сен мени жеп бүтмөй болдуң го, балдарды тескери үндөгөндөн көрө ынтымактуу болгула дебей.. .

Онтоп дубалга сүйөнө калып көзүн жумуп алганда Супакан коркуп кетти:

- Эмне болуп кетти?

- Жүрөгүм…

- Доктур чакыртайынбы?

- Жок.

- Үйгө алып кирейинчи жүрү. Ой Нурлан, келчи балам, атаң ооруп калды! - дегенде Нурлан эптеп туруп келсе Бообектин өңү купкуу болуп отурган эле:

- Ата, ата дейм, эмне болду? - Нурлан аны булкулдатып ийди, - Турчу ата, оорубачы атаке? - Ыйлап жиберди.

- Болду, күйүп кеткенсибей, өлсө өкүрүп алчулары бар. Андан көрө өйдө кыл!.

Супакан аны жактыра бербей чыртылдады. Экөө сүйөп үйгө киргизип башына бийик койуп жаткызышты, Бообек көптө барып көзүн ачты.

- Эмне болду мага?

- Бир паста ооруп калдың. Деги сен ушу жетимдин айынан өлмөй болдуң го, эмне эле буга жан тартасың билбейм, мындай жетимдер азыр самсып жүрөт. өлбөсө бул деле бир кара жанын багат эле, түйшүк тартып ойлонбой эле каалаган жагына кетир десе болбойсуң.

- Дагы баштадыңбы? - Бообек жаны кейий акшыя карады.

- Өзүңдү аяп жатам, карыганда оорукчан болуп калсаң менин эле шорум, - Супакан кейип, кепчий эшикке чыга качты, - Деги өзүң эле билчи!

- Ата, ойлонбой эле койуңуз, мейли кийин мени түшүнүшөт, мен алардын сөзүнө терикпейм, ооруп калбаңыз, - Нурлан анын жанында отуруп чыйрыкканына карабай жалдырап атты, - Мен эми чоңойдум, сизге тоскоолдук кылып балдарыңызга жек көрсөтпөй кетсем кантет?

- Кайда, кайда кетесиң кагылайын? өз энем өлөөрдө атайын аманат кылып инимди мага жөнөтсө, андан калган жалгыз туякты калкалай албай… - Бообектин көзүнөн чолок жаш куйулуп кетти, - Менин көзүмдүн тирүүсүндө сени эч кайда кетирбейм, кудай буйруп бой жетсең өзүңчө энчи берип, үйлөнтүп бөлүп койсом, апамдын аманатынан кутулуп, анан өлсөм арманым жок эле…

- Атаке, өлөм дебечи, сизден кийин мага күн жок!.

Нурлан анын төшүнө башын койуп алып буркурап ийди.

- Кетем дебе садага, сени кетирип алып кантип тирүү жүрөм? - Экөө бири-бирин сооротуп, бири-бирине жылуу сөз айтып көпкө сүйлөшүп жатышты, - Атаңдын гөрү, аялымдын жамандыгынан балдарым мени түшүнүшпөй кыйнап атпайбы, болбосо бир туугансыңар да, уулум.

- Билем ата, алар мени тоотушпаса мен аларды сыйлайм, акыры түшүнүшөт.

- Эсиңден айланайыным десе. Атаң өзү болгондо эмне, жаңы эле таанышып-боорлошуп келатканда өлүп калбадыбы, айла канча, уулум.

Көз кычыктарынан жаш мончоктоп жаздыкка тамды. Нурлан алсыз сүйлөп жаткан атасынын колун кармалап өзүнүн ооруп жатканын унута ойго батып мелтиреп калганда сырттан Супакандын үнү чыкты:

- Нурлан, оо-ой Нурлан, чык бери!

- Азыр… - Ал ордунан козголгондо Бообек:

- Сен жатчы балам, этиңдин ысыгы кайта элек экен, мен дурус болуп калдым, - деди эле ал анын эки жагын кымтылап:

- Жата бериңиз, мен эле чыгам, - деп акырын жылмая чыга жөнөдү..

Бообек оорукчан болуп кетти, жаз алды менен кысыр калды бээсин сатып, Зыпарды окууга жөнөттү. Кан басымы көтөрүлүп тез-тез төшөккө жатып калат, мындайда Супакандын оозу тынбай какшанып алат. Нурлан чоңойо баштаганга үнү коңур болуп кыл муруту өсүп, бойу узун, келбеттүү жигитке айланып баратты.

Тынарбек экөө сабакка эки башка чыгышат. Тынарбек мектепке мурун жетип, классташтары менен сүйлөшүп турган. Нурлан жетип келип классына кире берээрде коридордо сүйлөшүп турган балдарды күлө караган Тынар:

- Бул менин кулум, билесиңер да. Кулга да билим керек экен, окутуп койсок пайдасы тийер деп ойлойм, - деди көзүн кыса.

- Укмуш ой, илгери бай-манаптар жалдачу эле, сен укмушсуң го?

- Чын эле, бирок сойуз тараганы мындайлар толуп атпайбы, муну кайдан таап жүрөсүңөр?

- Ата-энеси оокаты өтпөй калганда келген, анан баласын таштап жоголушту, - Тынар босогодон классына кирбей же сөз кайрый албай туруп калган Нурланды карап койду, - Жакшы болот экен, малың багылуу, үйгө барасың да чалкалап жатасың.

- Тынар, атаңдын бир тууган иниси экен деп укпадым беле? - Четте алардын сөзүн угуп унчукпай турган Бектемир аны карап таңгала суроо берди, - Бул ошол агаңдын эле баласы эмеспи?

- Кайдан, оокаты өтпөй калса эле тууган издей берет да. Атам абдан жоош, боорукер адам, калкалап калды да? - Тынар анын сөзүн жактыра бербей ары басты, - Кыскасы акылың болсо, байлыгыңды кайтарганга, малыңды бакканга ушундай кул жалдап алсаң кандай жакшы, - Артын карап дагы эле турган Нурланды көрүп, - Эгер керек болсо муну сага берейин, жумушуңду жасатып ал! - деп койуп жанаша турган класска кирип кетти.

Нурландын ачуусу келген менен атасын аяп үн деген жок, эрдемсиген агасынын акылы тайкылыгына, адамдык касиетинин пастыгына боору ооруй партага отуруп алып ыйлагысы келди, бирок анын эркектик намысы, жаңыдан өсүп келаткан боз уландын терең түшүнүгү, көптү түшүнө билгени, эркинин бекемдиги токтотту. Ошол убакта жанында отурчу Салый келип:

- Нурла-ан, кандайсың? - деди отуруп сумкасын койуп жатып.

- Жакшы, өзүң кандай? - Нурлан аны көңүлсүз карап саламдашып койду.

Класстагы улан-кыздар ызы-чуу болуп өздөрүнчө күрү-гүү түшүп ал экөө менен иштери деле болгон жок. Алар сүйлөшүп олтурушту, Нурлан Салыйды жакшы көрөөр эле. Ар дайым сабакты бирге даярдап, чогуу чыгып жолдон да бүтпөгөн сөздөрү бардай зорго бөлүнүшчү. Нурлан ага сырын айтпаган менен аны көңүлүндө ага арналган бир-эки сап ыр пайда боло турган.

- Нурлан, мен тогузду бүтүп эле окууга тапшырмай болдум, кечээ шаардан таежем келип атамдарды көндүрүп кетти, жазында дароо кетем, сен окууга барбайсыңбы?

- Сен кетсең мен ким менен сүйлөшөм, ким менен сырдашам, Салый? - Нурлан эңкейип кулагына жакындай, - Сенсиз мага жаман болот го? - деди жылмая, - Мен азыр окууга баралбайм, Тынар байкем барат, - деди ойлуу.

- Ай-иий, экөөбүз тең кетсек болмок, сени окутабы?

- Билбейм Салый, окутабы же окутпайбы, алар билишет.

- Макул Нурлан, мен кат жазып турам ээ? - Салый аны жадырай карады.

- Сөзсүз жазып тур, ага чейин да көп убакыт бир эмеспи, мезгил көрсөтөт.

- Ой, силер жөн эле укмуштай сырдашып жаткансыңар го, тоскоол болбоймбу?.

Алардын жанына Ширинкан келип тийише сүйлөдү.

- Жашыра турган эч нерсе жок, мен тогузду бүтүп окууга тапшырам, ошону Нурланга айтып жатам, - Салый курбусун колунан тартып жанына отургузуп өзү Нурлан жакка жылды. - Таежем күбөлүк менен барып окууга тапшыр дейт, өзү училищада мугалим да.

- Чын элеби, мен барсам деле болобу?

- Ананчы, таежеме айтсам эле киргизип койот, - Салый мактана сүйлөдү, - Ал деген кө-өптөрдү окууга киргизип жүрбөйбү?

- Анда мен атамдарга айтам да макул болсо сени менен кетем!.

Ширинкан дилгирлене кызыгып калганда класс жетекчи кирип, ал өз ордуна жылды.

Нурлан да Тынардын эмелеги шылдыңынан ооруп турган жүрөгү басылып алаксый сабакка көңүл койо отуруп калды.

Мектептен келатып сабыры суз үйгө баш бакты. Аны көрөөрү менен Супакан:

- Ушу сен чилистен боло тургансып эле окуудан калбайсың! Атаң ооруп атканда жардамдашып үйгө каралашсаң боло, - деди.

- Апа, быйыл тогузду бүтөм, экзамен болот, артта калбай барып турушум керек, мына келдим, - деген Нурлан ички бөлмөгө өтүп кетти.

Ал үстүндөгү ушу быйыл гана Бообек урушуп-талашып жатып койун сатып алып берген спортивкасы менен ботасын чечип кайра чыкты да, идиш-аяк жакка өттү. Жаңы эле түшкү оокаттарын ичишип Тынарбекке койуп койгон казандагы тамактан куйуп ичмек болуп жатканда:

- Тамак десе өлүп кеткиче жанталашасың, иш дегенде арамзалыгың укмуш. Аны Тынарга койгом, чай эле ичип ал, кечинде ичесиң тамакты, - деп Супакан кирип келгенде колундагы чыныны койо койуп ага карай минтти Нурлан:

- Качан эле тамакты тойо жеп жыргадым? Дайым силерден калганын ичип жүрөм го. Тынар байкем бүгүн чай ичип койсун, мен койго кардымды койгузуп алып кете берейин.

Тамакты болбой куя баштаганда Супакан булкуна жетип келип колундагы идишти жулуп алды:

- Кара муну, арам тамак шүмшүк десе, өлтүрбөй багып койсо тилинин узарганын! "Киши арыгын сактаса башың кандайт" деп чын айткан тура илгеркилер. Тур, малды көздөп кайра кел!

- Барбайм, кардымды тойгузмайынча эч жакка барбайм!

- Ом-ей, ой бала, эмне мага каяша айтып атасың ыя?.

Супакан ага кыйкырып келип чаап жибермек болгондо колун кармай калды.

- Мен эми кичине бала эмесмин, урбаңыз мени!

- Урбаганда сени эркелетип төбөмө көтөрүп багайынбы?.

Аңкылдап киргенде Тынар кирип келди.

- Эмне болуп атасыңар?

- Имине болмок эле, бу тукумуң куураган шүмшүк мага тил кайрып атпайбы?

- Эй, сен ошончолук эле кыйын болуп кеттиңби ыя, өзүңдүн ким экениңди билесиңби, же билгизип койойунбу?.

Тынар Нурланды омуроолой муштумун түйө урмак болгондо ал аны көкүрөгүнө акырын түрттү:

- Мен өзүмдүн ким экенимди эч кимден сурабайм!.

Бойу кыска Тынарбек анын көкүрөккө түрткөнүнө жини келе колун шилтеп калды.

- Өзүңдүн кул экениңди билесиң, кысчу жериңди кысып жүрбөйсүңбү?

- Мен сен үчүн кул болсом өзүм үчүн адаммын, сенин бул сөзүң мени эч качан кемсинтпейт, өзүңдү шылдың кылып атасың, уктуңбу? - Нурлан анын эки колун карыштырып кармап кыймылдатпай койду, - Намысың жок, ошон үчүн мага ушул сөздү айтып жатасың, азыр эки бүктөп коймокмун, атамды аяп, сыйлаганым үчүн сага колумду көтөрбөйм.

Нурлан анын колун катуу силккенде Супакан экилене кыйкырып кирди:

- Ко-оку-уй карангүн, бул бизди өлтүрөт, эл-жу-урт, арачага келе көргүлө! - деп сыртка карай жүгүрүп чыгып баратканда Бообек кирип келатып аны кармап калды:

- Кудай аткыр десе, ушу балдарды бири-бирине сен душман кылып атасың. Канча айтам, бул да менин балам, көзүм өткүчө кашымда болот, кир үйгө!

- Карачы, Тынарбекти эки бүктөп койом деп атпайбы, качанкыга буга жагынып жүрүп өтөсүң ыя, өз балаңдан да ушу жетим артык болуп кеттиби?

- Акылы жок баладан акылдуу өзгө жакшы, өзүн сыйлаганды билбесе, балаң ошону көрөт да!

- Мен азыр өлтүрөм бул кулду! - Тынарбек жүгүрүп чыгып кетти, - кутурду жугундуга тойуп алып, экинчи сөз кайрыгыс кылбасам!

- Ой катын, алдагы баланы тый, эл-журтка шерменде боло электе.

Бообек ушинтип барып дагы жүрөк тушун мыкчый отура калды. Нурлан сүйөй калып:

- Ата, атаке, эмне болду? - деп аны менен алышып калганда колуна сойул көтөрүп кирген Тынарбек шилтеп калды эле Нурлан дүп эте кулап кетти.

Бообек оозун араң кыбыратып:

- Жеди-иң… - деген бойдон сулк жатып калды.

Экөө эки жерде жатып калганын көрүп Супакан айгай салып бакырып, күйөөсүн жулкулдатып жатты. Тынарбек эмне болгонуна көзү жетпей делдейе ордунан жылбай туруп калганда коңшулары кирип келишти. Нурландын башынан кан жайылып эс учун билбей жатат, аялдар эки-экиден Бообек менен Нурланды көтөрүп жаткырышты. Нурланды дароо ооруканага алып кетти. Бообектин денеси муздап, жүрөгү сокпой калган. Заматта эл чогулуп жайын алып койушту. Супакан дале Нурланды каргап-шилеп сүйлөнүп атты:

- Кайдан да бу шүмшүк келди? Ушунун айынан эле жүрөгү оорукчан болуп калбадыбы, ажалына жаралган тура, куу жетим!

- Ой Супакан, Нурлан абыдан акылдуу бала эмеспи, ал сага эмне кылды? Ботом, жайы-кышы ички-тышкы жумушту ошол эле жасап жүргөнүн көрөм сербейип, - Эшиктен коңшусу Чырман аны сүйө бербей кагып калды, - Аны Бообек байке өзү да жакшы көрчү.

- Ошо жакшы көргөнүнүн азабынан ушу болду да, өз балдарынан ушу шүмшүктү артык көрүп жүрүп, - Супакан үңүлдөп ыйлап да, сүйлөп да жатты.

- Обуң менен болсоң, сен энесиң да. Ушу балдарды бир туугандай кылып бөлүп-жарбай эле тарбияласаң кызматын бир кезде көрөт элең, сенде да бар, өз балаңды андан бөлүп карап… - дешип аны сүйлөтпөй койушту көбү.

Аргасыз үн дебей күйөөсүнүн тажыясына балдары менен төркүндөрүн чакыртмакка кабарчы жөнөттү. Тынарбек эмне кылаар айласын таппай ыйлап турду, классташтары угуп келип калган экен, башын көтөрө албай отурганда бири:

- Нурландын абалы да оор экен, кара кушка тийип жарылып кетиптир дейт, кан да кетип калса керек? - деди.

- Эмне, өлүп калышы мүмкүн дейби? - Тынарбек ага үрпөйө карады.

- Ошондой го, азырынча эсине келе элек дейт.

- Өлүп калса эмне болот? - Тынарбек коркуп турганын билдире досторун карады. - Мени камап койобу?

- Эгер сенин чапканыңды билсе соттоп ийиши мүмкүн, андан көрө жыгылып кетти дегениңер туура болоор…

- Чын эле, өзү жыгылды дейлиби? - Айласы кете жанындагыларды тегерете карады.

- Досум, Нурлан абдан жакшы бала болчу, сен бекер кылдың. Андан көрө атамдын жүрөгү кармап жыгылганын көрүп жүгүрүп келатып жыгылып кетти деп көрсөтмө берип кой, - деди бири.

Аңгыча ызы-чуу түшүп, келин-уулдары келип калышты. Үч күндөн кийин жайына узатып болуп анан улуусу Сапарбек, Кумарбек, Алтынбек үчөө ооруканага барып Нурландын ал-абалын билмек болду эле, Супакан:

- Ошо жубарымбекти көрбөй эле койгула, өлмөк беле? Андан көрө жетилигин өткөргөнгө камына бергиле! - деди эле, Сапарбек апасына катуу айта албай:

- Кызыксыз апа, анда эмне күнөө, атамдын толгон бир туугандары бар беле? Жалгыз инисинин баласын биз карабаганда ким карайт? Атамын кадыры үчүн да аны биз бутуна тургузушубуз керек! - деп басып кетти.

Супакан дагы бирдеме демек болду эле оозун таптап барып токтоп калды. Зыпар менен Тынарбек бири-бирин карап байкелеринен тартынып кала беришти. Эгер бир сөз чыкса иш дагы ырбаарынан коркуп Тынарбек өзү да эки көзү эшиктен өтүп: "Качан милийса келип мени алып кетет?" деп бүрүшүп бүтүп калган. Колунан келсе өлтүрүп койгусу келет, бирок кичүү болсо да ага алы жетпесин сезип ичтен өкүнүп жүрдү: "Мен ошондой бойлуу болгонумдабы көрсөтөт элем, байкемдер билбей турган болсун, өлбөй келсе, баары бир өзүм өлтүрөм" деп кыжынганын койо элек, ага кошумча болуп Зыпар аны көкүтүп жатты:

- Кызык экенсиң, аны үйгө камап алып өлөөрчө сабап туруп эч кимге көрсөтпөй жаткырып койобуз, бирөө сураса ооруп атат дейбиз, тамак бербей койсок өзү эле өлөт, - ал инисине шыбырады байкелери жокто.

- Көгаласын көрсө баары бир бизден көрөт да?

- Анда сабап, өлөсөлүү кылып түндөп талаага алпарып таштап койобуз.

- Ошентсек билинбей калабы?.

Экөө Нурланды эптеп жок кылууну ойлоп жатканда ооруканага кеткен Сапарбектер келип калды.

- Баланын абал оор, катуу келтек тийген деди врач, шал болуп калышы да мүмкүн дейт, - Сапарбек кейий дасторкон четине отуруп жатып кейий кетти, - Шаарга ала кетип жакшылап каратпасак болчудай эмес.

- Аны эмне кыласың шаарга жүк кылып? Тим кой, өлбөсө эптеп жашаар.. .

Супакан дале уулунун сөзүнө макул болбой күңк этти.

- Апа, ушу кыялыңыз качан калат деги? Нурланды үч жашынан бери бактың, өз балаңдай эле болуп калды го? Эне көрбөсө, бир бечараны эле эмне мынча жектейсиңер? Бирөө чапкан деп атат, балдарыңдын бири аны урган жок беле?.

Кумарбек апасын карай сурап калды. Анткени аларга Тынарбектин чаап ийгенин эч ким айткан эмес, Супакан эле жыгылып кетиптир деп койгон. Байкелеринин сөзүн уккан сайын Тынарбектин башы шылкыйып өйдө боло албады.

- Ботом, Зыпар Бишкекте окуп жүрсө, Тынар урмак беле, өзү эле атаңын ооруп калганын көрүп шашып келе жатып чалкасынан жыгылыптыр, - Супакан сөз бере койбоду.

- Мейли анда, дагы эки-үч күн күтөлү да, жакшы боло албаса Кумарбек экөөбүз алып кетели, мындай абалда таштап кеткен болбойт.

- Ооба, алып кетпесек бөөдө майып болуп калат, кантсе да атамдын бир тууганы, - Кумарбек агасына карады.

Супакан эчтеке дей албады, балдарынын Нурланга боору ооруганына жини келген менен, сыртына чыгаралбай үнсүз гана угуп отурду. Алар ооруканага барып керектүү дары-дармектерин даярдап берип жакшылап дайындап калганда врач аларга:

- Биз да колубуздан келгенин жасадык, буйруса иниңер жакшы болуп кетет, эмгегибиз текке кетпей оорулуу сакайып кетсе биздин дагы кубанчыбыз эмеспи, жакында өзүнө келип калат, - деди.

- Чоң ыракмат аксакал, сиз канчалык аракет кылсаңыз биз эмне керек болсо таап беребиз.

- Жакшы, өзүңөр билесиңер бизде ушу дары-дармектер жетишсиз, болбосо өз ишин так, таза жасаган врачтар бар.

- Ошондой эле болсун! Көзүн ачып сүйлөп калса биз кете берели, апамдар кабар алып турушат.

Кумарбек менен Сапарбек врачка ыраазылыгын билдире жылуу коштошуп үйүнө кетишти. Айткандай эле Нурлан эки күндөн кийин көзүн ачып, адегенде эле атасы Бообекти сурады, жанында Сапарбек отурган.

- Ата, атам кана?

- Тынчтан Нурлан, атам жакшы. өзүңдү кара иним, жети күндөн бери биз сени карап атабыз.

Сапарбек аны башынан сылай чекесинен өптү.

- Оорубай калдыбы?

- Жок….

Сапарбек ага эмне дээрин билбей врачты карады.

- Сенин абалың оор, көп сүйлөп кейигенге болбойт, эс ал.

Врач дагы аны тынчтандырды. Нурлан башынын ооруп турганын сезди, көзүн жумуп эмне болгонун эстөөгө аракет кылып жатты, бирок оңдуу эч нерсени ойлой албай жата берди. Өнтөлөп тамак берүүгө аракет кылган менен болбоду. Баары кетип жалгыз калгандан кийин ойлонуп жатып ажайып түш көргөндөй элес-булас окуялар көз алдынан өтө баштады. Тынарбек аны башка чаап жибергенде эстен танып жыгылып баратканын эстеди. Ошол замат ал ылдый көздөй туңгуйукка түшүп баратты, бир кезде караңгылыктан чыгып кооз талаага туш болду, как эткен карга, кук эткен кузгун жок ээн талаада жалгыз элеңдей басып баратса алды жактан апаппак кийинген адамдар көрүндү. Нурлан аларга барып сүйлөшмөк болгон менен бири да ага көңүл бурбады, анын үнүн укпагандай каалгып ары-бери басып жүрүшөт. Аргасы кеткен Нурлан андан ары баратса бир топ адамдар жүрөт, анын арасында атасы Бообек да бар экен: "Ата, сен каякта жүрөсүң, издеп таппай жүрбөйүнбү?" деди эле, ал: "Уулум, сен мени издеп убара болбо, көрдүңбү мен инимди, апам менен чоң эне-чоң атамды таап алдым. Алар аябай күтүптүр, эми мен булар менен болом, сен кет!" деди жүзүн буруп ары басып. Ал басып бараткандай болгон менен буту жерге тийбей каалгып кетип жатты. Нурлан анын артынан жүгүрүп: "Ата-аа, мен сени менен барайынчы, ала кетиңизчи, атамды мен да көрөйүнчү!" деп кыйкырды эле, Бообек токтой калып: "Сен азыр биякка келгенге болбойт, атаң тигинде турат, жолугуп бат кетишиң керек, убактың бүтүп калбасын, тез кет уулум" деп ары жакка барып бирөөнү жөнөткөндөй болду. Бир убакта узун бойлуу, дал өзүнө окшогон адам ага жакын келбей ары жүрүп алды да: "Уулум, сенин алдыңда татаал жол башталганы турат, ачууга алдырба, өзүңдү-өзүң өлүмгө салып бербе. Мен сага жардам бере албайм, алсызмын, аргам жок. Эгер туура жүрсөң алдыңда жаркыраган жашоо, шайтанга азгырылсаң кара туман каптаган каргашалуу күнгө кабыласың, сен мына буга кирбе!" деп колундагы картанын жети каргасын көрсөтүп: "Бул сен үчүн өлүм картасы" деп кулагына кайра-кайра жаңырып маңдайында турган атасынын кайда кеткенин таппай "ата-аа!" деп бакырып жатканда анын жанына ак сакалы жайкалган карыя пайда болуп: "Тур балам, тагдырыңдан качып кете албайсың, кайгырбай жашоодон буйруганын ала бер, кандай болгон күндө да өлбөгөн жан болбойт бул карта адегенде сенин кадырыңды арттырып байлыкка тундурат, андан кийинкиси пешенеңден. Тур, мына бул туйуктан өтүп кет, тез кет!" деди да көздөн кайым болду. Көрсө кичинекей эле арыктын нугундай жер экен аттадыбы же секирдиби эсинде жок. Көзүн ачса жанында Сапарбектер турган экен..

Ушуларды ойлонуп атып: "Атам менен бирге жүрсө анда Бообек атам да өлгөн тура, кантип?" деп ыйлап жатты: "Өлгөн киши менен жүргөн киши соо болбойт. Сени шашпа, Тынарбек, эгер силер жакшы болсоңор атам өлмөк эмес, силер гана өлтүрдүңөр, мен сага көрсөтөм" деп солуктап ыйлап жатканда Сапарбек, Кумарбек, Алтынбек үчөө аялдары менен тамак-аш көтөрүп кирип келишти. Анын ыйлап жатканын көрүп Сапарбек шашып калды:

- Нурлан, сен чоң жигитсиң да, ушунчалык жакшы болуп калганыңа мына баарыбыз кубанып биз келдик, эмнеге ыйлап жатасың?

- Эмнеге тирүү калдым? Атам мага болушам деп ооруп калды, мунун баарына Тынарбек байкем күнөөлүү. Атам жакшы деп калп айтыңар, ал өлгөнүн мен билем, ал менин атам, чоң апамдар менен чогуу жүрөт, мен көрдүм!.

Нурлан солуктап атып муну айтканда Асылкүл жанына келип:

- Кой антпе, сен аны кайдан көрдүң? - деп башынан сылап өөп калды, - Жакшы болуп кетишиң үчүн антип ар кайсыны ойлоно бербечи, ээ?

- Анан эмне калп айтасыңар, атам өлүп калганын жашырдыңар?!.

Нурлан Асылкүлдү мойнунан кучактап ыйлап жатты.

- Сени жакшы айыгып алсын деп атпайлыбы, ооруп калба, ыйлабачы!.

Асылкүл да аны кучактап алып, баары аны тегеректеп сооротуп жатышты. Ушул саатта ал буларга ичинен ыраазы болуп турду, ого бетер эреркеп:

- Мени Тынарбек келтек менен чаппаса атам өлбөйт болчу. Эмнеге мени апам жаман көрөт? Тынарбек байкем менен Зыпар байкем дагы урушат, мени кордошот, "кулсуң" деп шылдыңдашат, - дегенде Алтынбек:

- Эмне дейсиң, сени ошентишеби? - деп таңгала сурап калды.

- Ар дайым ошентип шылдыңдап, мектепке да уят кылышат, мен унчукпайм.

- Сен ага капа болбо, денсоолугуң жакшы болуп кетсе шаарга алып кетебиз.

- Тим гой, аларды биз тарбиялап койобуз.

- Уят эмеспи, атам байкуштун жүрөгүн оорутушуп жаман кылган экен.

- Мен аны эч кимге айткан эмесмин, атамды аячумун.

Нурлан көпкө чейин солуктап ыйлап жатып анан эс алды, алып келген тамактарынан аздап ичирип көңүлүн көтөрүп кетишти. Сапарбек кабагы карыш түшүп үйгө киргенде Супакан андан бир нерсе билүүгө дилгирлене сурап калды, ал ойунда Нурландан жаман кабар угам деп ойлоп турган:

- Эмне болду балам, Нурлан бери карай турганбы?

- Жок, ал бери карабай турган, чырагыңарга май тамдыбы? Балдарыңды кой деп койбой тырмактай немени душман көрүп эмне кылганыңар, ошол өлсө эле табаңар канып жаныңар жай ала түшөбү? - Сапарбек апасына жиндене карады. - Кана жанагы эси жок эки балаң?

- Капырай, мен эмне кылдым, бооруңарды көтөрүп үйлөнүп, жайланып алгандан кийин эненин кадырына түкүрүп койбой кайдагы бир жетимченин сөзүн сүйлөйсүңөр да?.

Супакан уулуна жүзүн үйрүй ары карап кетти.

- Акыл-насаат айтып, алысты алыс, жакынды жакын деп бириктиргендин ордуна жетим деп Нурланды өгөйлөтүп балдарыңды ага тукурганыңыз жакшыбы? Жетим болсо биз турабыз, ал биздин бир боорубуз!

- Ооба, бир тууганга жыргадыңар, эмне кылсаңар өзүңөр билгилечи.

Супакан силкине баласынын сөзүн жактырбай чыгып кеткенде Сапарбектин аялы акырын анын артынан кошо чыкты, өзүнчө сүйлөнүп, булкулдап жаткан кайненесинин жанына барып бир аз турду да:

- Апа, балдарыңызга капа болбоңуз, ырас эле Нурлан азыр бала да, анын үстүнө өлбөгөн адам болбойт, атасы өлбөгөндө ал дагы өзү менен өзү болмок. Жашында колуңузда чоңойду, балдарыңыздай эле болуп калбадыбы? - деди аста, жумшак сүйлөп.

- Бала болбой жерге кирсин, дегеле жылдызы жок, ошону көргүм келбейт.

Супакан келинин карагысы келбей ары карап туруп айтты.

- Койчу апа, сиз энесиз да, эненин жүрөгүндөй мээримдүү, сезимтал нерсе жок дүйнөдө. Нурланга энелик мээрим бере албасаңыз дагы бооруңузга тартканыңыз жакшы го?

- Дегеле акылман болуп чыга каласыңар да, мага акыл айтканды ким койуптур силерге?.

Супакан келинин жаман көрө карап койуп нары басып кетти. Асылкүл унчукпай үйгө кирди. Ошол бойдон эч кимиси үндөбөдү. Беш-алты күндөн кийин Нурланды чыгарып келишип түлөө өткөрүп койуп "жумуштарыбыздан кечигип калдык" деп бир-бирден кете башташты. Эң акырында Сапарбек улуусу катары апасы менен эки инисин, Нурланды маңдайына койуп алып аркы-беркини айтып отурду.

- Апа, эми Нурланды жакшы карагыла, абыдан жакшы боло элек, ооруп калбасын. Биздин акыл кошчубуз да, тирегибиз, өбөк-жөлөгүбүз да өзүңүзсүз, атам бир топ эңшерип кетти, айла жок… - Бир азга түнөрө туруп калды, - Силер экинчи дагы Нурланды "кул" деп кемсинтсеңер бир туугандыктан кечип, мени агам деп эсептебей эле койгула! - деп эки инисине карады.

- Болуптур балам, ага эмне демек элек, өзү деле мектепти бүтсө биерге турбайт, окуп-чокуп кетет да.

Супакан эртерээк эле кетсе экен дегендей уулуна шыпылдай калды.

- Жумуштан калдым, эми биз дагы кетели.

Сапарбек ордунан турду. Даярданып машинасына отуруп жатканда Нурлан аны кучактап алып ыйлап калды. Асылкүл кайненеси менен жаркылдай коштошуп, Нурланды өөп, жөнөп кетишти. Нурлан агаларына ичинен ыраазы болуп турду. Тынарбек менен Зыпар үндөгөн жок, бирок алардын аны тууган катары кабыл алууга кудурети жетмек эмес. Түшүнүктөрү таптакыр башкача эле. Чогуу бир дасторкондо отурушпайт. Нурлан жаңы келип отурганда эле экөө туруп кетишет.

Убакыт жетип Зыпар шаарга кетип үчөө калды. Жаз келип малдарын тоого кетирип жер айдоого киришишти. Нурлан сабагына барып, кайра талаага айдоодо жүрүп абдан кыйналып кетти. Тынарбек болсо экзаменди шылтоо кылып кол-кабыш кылууга барбады. Жазгы түйшүктүн баары бүтүп жандары жай алып Тынарбек шаарга окууга кеткенде Сапарбек бир уулу менен кызын жөнөттү. Алар Супакандын колуна кол, бутуна бут болуп оңуп эле калды. Нурлан ошол кезде негедир өзүнчө жандүйнөсү жай албай буулугуп, жалгыздап басууну адат кылып өмүрүндө бир ачылыш болчудай жүрөгү бир нерсени сезе эч ким менен иши жоктой жүрө берген адат тапты.

Ошол күнү дагы көчө бойлой ойлуу келаткан, алдынан чыга калган Салый:

- Нурлан, кандайсың? - деп калды.

- Жакшы.

- Мен атайы сага жолукканы бараткан элем, бүгүн бошсуңбу?

- Эмне болду?

- Менин шаардан келген досум бар, анын бүгүн туулган күнү, чогуу барып келбейлиби?

- Кызык, сен аны тааныйсың, мен тааныбайм да? - Нурлан аны көңүлсүз карады.

- Ал менин курбум, ошондуктан мен өзүм каалаганды ээрчитип барам, - Салый аны сыпайы карап койду, - Же мени менен баргың келбейби?

- Макул, барса барабыз.

- Анда кечки алтыларда ушул жерден күтөм! - деп койуп Салый жүгүрүп кетти.

Салый экөөнүн мамилеси бала кезден жакшы. Нурлан ага анча көңүл бөлбөсө да ал аны өзүнө каратууга аракеттене берчү, өзү бир үйдүн жалгыз кызы. Болжогон убакта Нурлан кийинип алып чыга берээрде Супакан:

- Кайда жөнөдүң? - деп калды.

- Азыр келем.

Ашыкча сөз айтпай жөнөп кетээрде Супакан ажылдап кирди:

- Ушуну бооруна тартабыз дешет! Адам болмок беле, кичине боор көтөрүп алса артын карабай басып кетет!

- Апа, классташтарым чакырып жатса барбайымбы?.

Нурлан ушинтти да кете берди. Келсе Салый аны чыдамсыздык менен күтүп турган экен, ал болушунча жасанып колуна үйдө өскөн гүлдөн тутам кылып алып алыптыр. Көздөрү жайнаган, эки бетинин оту анардай кыпкызыл, он алтыларга келген тал чыбыктай секелек кыз Нурландын жүрөгүн ойгото алмак эмес. Анын жүрөгү муз болуп тоңуп, эки аяктуу адамдардан көңүлү калып, жаш жүрөгү көңүл эргиткен сулуу табигаттын жан-жаныбарга тирүүлүктүн кымбат белеги болгон өмүр тартуулаган жарыкчылыктан да тажап бүткөндөй суз гана учурашып, экөө катар басып айылдын орто чениндеги заңгырата салынган кабат үйгө жетип келишти. Ал жерде алардан мурда келген жаштар бар эле, Салый көрүп эле учурашып калды. Нурлан тааныбаган да үч-төрт кыз менен уландар да жүрөт. Чогуу таанышып короонун эшигинде туруп калышканда ичтен узун бойлуу татынакай кыз келип калды. Салый менен өбүшө калып, анан тургандарга:

- Эмнеге бул жерде турасыңар балдар? Киргиле үйгө, биз күтүп жатпайбызбы? - деп баарын айланта карап жылмайып койгондо Нурлан экөөнүн көздөрү бири-бирине кадала түшүп негедир жүрөгү зырп этип айды: "Сулуу кыз экен" деп койду өз ойунда. Жашоонун ысык-суугун али сезише элек кыз-уландар шатыра-шатман көңүлдүү отурушту. Нурландын эки көзү Кайыркүлдө болуп отурганын байкаган Салый аны акырын түртүп койду:

- Нурлан? эмнеге көңүлүң жок? Ансыз деле эки жылдан кийин ар кимибиз ар кайсы жакка кетип көрүшпөй калабыз, бүгүн жакшылап отурчу.

- Жакшы эле отурам, - деген менен, Нурландын эки көзү дале Кайыргүлдө эле. Анын жылмайганы, күлүп сүйлөп жатканы, чачтарынын далысына төгүлүп, маңдай чачтары улам көзүнө түшүп кетсе серпий калганы өзүнө жарашып, колунан келсе ар бир кыймылын карегине катып алгысы келгендей телмирип отуруп: "Бул байдын кызы болсо мендей жетимди карамак беле? Кой, андан көрө өз жолум менен болгонум туурадыр, али жаш эмесминби" деп карегин андан тартып алды. Ошол кезде Кайыргүл:

- Балдар, азыр бийлейбиз, - деп музыканы койуп бийлей баштады.

- Кайыргүл, азаматсың! - деди уландардын бири, - кантсе да шаардыксың да?

- Менин досум ушундай бир ажайып кыз дейсиң, өзү шаардык эмес, ушул жерде чоңойгон, атасынын кызматына байланыштуу шаарда жашап, окуп калган! - Салый туруп барып Кайыргүлдү кучактап өөп, анан бийге кирди.

Алар бийлеп калганда улан-кыздар дагы жапырт туруп бийлеп күлкүлөрү үйдү көтөрүп шарактап жатышты. Нурлан отурган ордунда аларды жылмая карап турганда Кайыргүл аны жалт карап көздөрү күлүңдөй:

- Бу мырза неге бийлебейт, мындайда көңүлдү чөгөрүп отуруу жаштарга жарашпайт го? - деп Салыйды карап койгондо ал жетип барып аны колдон ала тургузуп келди:

- Эмнеге бийлебейт, Нурлан бийлегенде баарыбызды таң калтырып койот!

- Ким билет, ушундай күндөрү маанайды көтөрбөсө качан…

- Кыздар, капа болбогула, мен бийге жокмун, - Нурлан Кайыргүлдү жал-жал карап туруп калды.

Анын кысынып турганын байкаган кыз:

- Заматта үйрөтүп койобуз, бүгүн мен он алтыга толуп олтурам, менин туулган күнүмдө көңүлдүү отурганыңарды каалайм! - деп Нурланды колдон ала бир колун өзүнүн белине алып барып, бир колун ийнине койду да тегерене бийлеп кирди.

Нурлан кыздын назик үнүнөн, жумшак аппак колдорунан, күлмүңдөгөн көздөрүнөн жалтайлап мууну билинээр-билинбес калтырай чекесинен майда тер чыбырчыктай кошо бийлеп жатты. Ушул кезде Салый аны кызганып кетти көрүнөт:

- Ой экөөңөрдүн бойуңар да бирдей экен, тим эле жарашып калат экенсиңер! - деп жанындагы улан менен бийлеп кирди, улам тигилерди карап койот.

Бир аз көнө түшкөнгө Нурлан кыз илебине кумарлана ага ыктай жеңил гана эки колу кыздын белинен коомай кармап акырын:

- Кайыргүл, көпкө болосуңбу? - деп сурады.

- Ооба, каникул бүткөнчө.

- Жакшы, жолугуп турсак болобу?

- Эмнеге? - Кыз андан билип турса да, жүрөгү аны өзүнө энчиктеген сымал пейилинен жактырып турса да сурап койду.

- Мм. Жөн эле, жолугуп сүйлөшүп турсак дейм да.

- Макул, үйдө чоң-энем менен чоң-атам эле бар, түз эле келе берсең болот.

- Алар эчтеке дебейби, баса жигитиң барбы?

- Жок, алар унчукпайт, сен келсең үйдө отуруп кино көрөбүз, мен сага компьютер үйрөтөм, макулбу?

- Болуптур.

Нурлан жүрөгү элеп-желеп боло ушул мүнөттөрдө ажайып кооз дүйнөнүн кереметин сезгендей толкунданып турду, айланасын мурда көрүп же туйбаган башка дүйнө курчап алгандай кыз жанында өзүн эң бактылуу сезип жатты. Экөө жай музыканын ыргагы менен бийлеп жатышканда баары каткырып ийгенде чоочуп кетип бир-биринен бөлүнө жаштарды караса алар отуруп алып Салый музыканы эбак токтотуп койгон экен, алар жөн эле баарын унуткандай термелип жатышыптыр:

- Ох-хо, бул кыз-жигит болбойт го ыя, көрдүңөрбү музыкасы жок деле ыргалып жатканын? Деги силер кайда жүрөсүңөр, чексиз ааламдын бир четинде учуп жүргөн жоксуңарбы? - Салый аларды шакылдай тамашалаган менен ич күйдүлүгүн билдирбеске аракет кылып күлө карады, - Бир көргөндө сүйүшүп калгандан соосуңарбы?

- Койсоң Салый, кантип эле, жакшылап таанышып алдык, анын эмнеси бар? - Кайыргүл эки бети кызара отура калды.

- Болсо эмне экен, сүйүшсө сүйүшөт да! - Салтанат аны жактырбай карады, - Же эмне, Нурланга кызганып жатасыңбы?

- Ошондой го, болбосо… - дешип бири-бирин тамашалап отурганда сырттан тамак көтөрүп эки келин кирип кайра чыгып кетти.

Көпкө отуруп тамактанышып, ыр кесе уйуштуруп түнү бойу шаңдуу кече уланды. Таң ата тарап, Нурлан үйгө кирип жатып алды. Эртең менен эрте турган Супакан ал жаткан бөлмөгө баш багып:

- Бала эмес эле балээ болдуң го, ушинтип жүрүп бирди көрбөгөндөй элең? - деп какшанып калды.

- Апа, теңтуштарым менен жүрсөм да болбойбу?

- Теңтуш деп.. Сага теңтушту ким койуптур, күндөп-түндөп жүрүп азап тарттырып бир балээнин үстүнөн чыгып жүрбө? "Казы-картасын артасың, бир азабын тартаарсың" дегендей, биртике малга зыян кылбагай элең?

- Коркконуңуз, мал-салыңыз өзүңүзгө буйрусун.

Уйкусу ачылып кеткен Нурлан төшөктү чүмкөнө жамынып алып ызаланып алды: "Эмне деген аял, кичинемден колунда өсүп келатам, бир жолу мээр салбады го" ойлонуп көпкө жатты да Кайыргүлдү ойлоп ыргып турду: "Жолугуп келейинчи". Ал сыртка чыкты да жуунуп алып көчөгө чыгып кетти. Таң зааркы тамагын ичпей кетип жатса, аңдып тургандай Салый чыга калды.

- Оой Нурлан, кайда жөнөдүң?

- Мындай эле… - Ал Кайыргүлгө баратканын жашырып тайсалдай түштү.

- Нурла-ан, сен жашырбай эле кой, мен билем кайда баратканыңды, - Салый каткырып күлүп калды, - Шаардык кыздар бойонуп алса көзүңөргө периштедей көрүнөт экен, жаныңдагы кыздарды көрбөй бир көргөн кызга тузга үйүлгөн малдай жабышарыңарды жакшы билем. Кайыргүлгө биздин айылдын балдары бүт ашык болуп калганын көрүп турам!

- Салый, сенин көзүң ачылайын деп калган го, бирок чындыкты эмес жалганды көрөт экенсиң, - Нурлан дагы күлүп, уурусу кармалгандай кайсактап калды.

- Актанбай эле кой, андан көрө мен сага чындыкты айтып берейинби? - Салый ага маанилүү сөз айтчудай эки жагын каранып шыбырап койду, - Билесиңби ал мага сен жөнүндө айтып берген түндө эле.

- Эмне деп?

- Мм, тиги-и сени жактырбайм деп, ал тургай анын ата-энеси шаардан аябай бай бизнесмендин баласына кудалап койуптур.

- Койчу? - Нурлан ага чын дилинен ишенип кызыга карады, - Ким айтты?

- Өзү.

- Чынбы?

- Эмне, мен сага калп айтып жүрдүм беле?

- Жок-жок… - Нурлан эмне кылаарын билбей ойлонуп туруп калды.

- Сен аны сүйүп калгансың го?

- Сүйүү деген эмне? - Нурлан ага сынай карап, жылмая күлүп койду, - Теңтушпуз, жолугуп сырдашсак болбойбу? Сен экөөбүз кечээтен бери ушул жерден сүйлөшкөндөй жолугуп калып жатабыз, муну бирөөлөр сүйүү деп ойлойбу?

- Койсоңчу, биз классташпыз да?

- Эмне экен, баары бир, элди билесиң го, дароо ушак кылып жиберишет.

- Андай болбойт, мен андайга жол бербейм!

- Мейли эми, өзүң сүйүүнү билбей туруп сүйүү жөнүндө сүйлөбөй жүр да.

- Болуптур эми, кайда жөнөгөнүңдү айтпайсыңбы?

- Ушундай эле, зериккенимден чыккам.

Экөө бир азга туруп анан бөлүнүп кетти. Салый: "Чын эле мен сүйүүнү билемби? өзүм эчтеке түшүнбөй туруп бирөөнү кызганып койом да, балким мен аны сүйбөйм, бирге отуруп чогуу окуганга жакшы көрөт чыгаармын, анын жетимдигин аярмын. Ошого эле аны башкалардан кызгана берсем керек" деп өзүнчө ойлуу үйүн карай жөнөдү.

Нурлан өз ойу менен алек: "Демек Кайыргүлгө баруунун кереги жок. Эгер чын эле кудалап койгон болсо ашыкча жүк болуунун, жөнү жок сүйүүмдү таңуулагандын мааниси жок. Кой, өз жолум менен болойун, мендей төрт тарабы кыбыла болгон тоголок жетимди кайсы кыз сүймөк, ким кызын бере коймок эле" деп жолдогу таштарды тээп койуп кардынын ачканына кайыл болуп, үйгө барса эле уу сөздөрдү угаарына зээни кейип кетип баратса жолунан Артур жолугуп калды:

- О жигит кандай? Бу сен чоң жигит болуп калыпсың го, сени өзүм тарбиялайт экемин буйруса, - деп кол суна учурашып сөз бербей сүйлөп жатты.

- Жакшы-жакшы, байке, өзүңүз кандайсыз?

- Баары окей. Баса иним, сен азыр мени менен барасың, байкеңдин ойунун көрүп бир ырахатка батчы!

- Кайда, кандай ойун?

- Ой кокуй десе, менин ойунчулардын көзүрү экенимди билбейсиңби? - Артур, эки жагын каранып көзүн кысып койду, - Чш-ш, эгер биздин сөзүбүздү жанагы кызыл шапкелер угуп калса балээ башталат, ансыз дагы артымдан аңдып аныгын биле албай зорго жүрүшөт.

- Эмнеге аңдышат? - Нурлан ага түшүнө бербей таңдана карады.

- Ээ иним, эмнени билесиң? Акеңдин бир өнөрүн үйрөнүп алсаң дүнүйөдө кор болбойсуң. Эгер жолуң болуп турса баары сени аке-жакелеп жаныңдан чыкпай чотур сурашып шынаарлашып турушат. Кыскасы, өкчөгөн чүкөң алчы түшүп турса ишиңдин жүргөнү, кыздар да сенден кыя өтө алышпайт, баарын мынабу чечет! - деп бармагы менен сөөмөйүн жанып койуп Нурландын макулдугун сурабай эле колтуктап алып жөнөдү.

- Байке, апамдан тил угуп калбайын, түндө дагы кеч келип ачуусуна тийип койдум эле.

Нурлан тарткынчыктай тигиден бошонуп үйүнө кетмек болгон менен ал койо бербеди:

- Жүрсөңчү, бир кызыкка батасың, бүгүн шаардан атайын достор келген, мен ошолорго сойгонго козу таап кетип жаттым эле, ал эми-ии, - Артур аны далыга таптай эңкейе жүзүнө тигилди, - Сен да менин тууганымсың, ал жеңе сага жакшылык кылбайт. Эми чоңойдуң, өз арабаңды өзүң тарт, ага түрткүнчүк болбой.

- Байке, мен эмдиги жылы бүтөм, анан окууга кирип алсам дедим эле. Аз болсо да багып өстүрдү, тилдесе да, урса да апамдай болуп калды да?

- Ошонун заар тилин угуп чоңойдуң ээ. Эми өзүң деле түшүнүп калдың да, окуганда эмне? Андан көрө акчаны заматта таба турган өнөр үйрөнүп алсаң сен бат эле айылдын көзгө илинээр адамына айланасың.

Нурлан унчукпай калды: "Чын эле мени окутабы, окутпайбы ким билет? "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деген сөздүн чындыгы бардыр, андай пайдалуу өнөр болсо үйрөнүп деле алайын. Быйыл онунчуну бүтөм, андан кийинкисин көрө жатаармын" деп ээрчип кетип баратты.

Артурдун үйү заңгыраган чо-оң верандалуу, бак-шактуу, короосу кенен үй. Эшигинде бузук волга, камаз дайым токтоп турчу. Нурлан аны бала кезинен тааныган менен мындай жакындан сүйлөшүп көргөн эмес. Артурдун аялы үйүнүн жанындагы дүкөнүн иштетип, бир топ эле бардар жашашчу. Төрт уул, бир кызы бар. Алар ээрчише кирип келишкенде үйүндө курсактуу үч адам менен арыктыгы чөп жетпей кыштан зорго чыккан уйга окшогон дагы бирөө отуруптур:

- Оо Даке келгиле, силерди келет деп тоого сойушка балдарды жөнөттүм, - деп Артур алар менен кош колдой учурашып калды.

- Кандай өзүң, иш болуп жатабы, мал-жан аманбы? - Даке дегени аны менен баш тийиштире учурашып сурамжылай кетти, - Бул кызың бой жетиптир дос, сөйкө салаар кез келген го дейм?.

Ал көзүн кыса салаңдаган богоктуу тамагын былкылдата күлүп калды.

- Апасы укпасын, азыр жашыраак досум, кыз чоңойсо досума куда болбогондо.. - Артур кайсалактай сыртка карап койду, - Быйыл окуусун бүтүп окууга тапшырып келди, акчага келиптир, кетет жакында.

- Ой, окуудан ары бирөө-жарым илип кетпесин, сулуу кыз менен жакшы матанын ээси бат чыкчу эле?

- Кам санаба, жок дегенде биринчи курсту бүтүп алса анан сүйлөшөбүз.

- Тайсалдап эле калдың, менден башкага сөз берип койсоң керек. Ну ладно, убагы келгенде көрөөрбүз. - Дастан жайкай сүйлөп отуруп калды.

- Кой, өз жумушубузду кылалы, "ырдайм деп келдиңби ырда" дегендей, ойунду баштайлы, - деди анын жанында отурганы. Анын аты Өмүрбек, бала кезинен карта ойноп бир топ ойунчулардын арасында кадыры күчтүү, элүүдөн ашкан киши. - Бу жигит кайдан? - Ал Нурланга карап ээк кагып койду.

- Бу иним болот, сиздердин кешигиңиздерден ичирип, өзүмө орун басар кылайын деп ойлоп алып келдим, - Артур Нурланга карап койду.

- Оо жакшы экен, убагы келгенде айыл эмес бир өлкөгө аты чыкчудай түрү бар го, азыр балдыркан бойдон тура, - деп калды кабагын кере көздөрүн үкүнүкүндөй кылып ирмей тиктешип калды, - Атың ким, жигит?

- Нурлан.

- Дуру-ус, демек бу чыйрак келген адамдын оозу катуу, сөзгө так, убадага бекем болуш керек, жанагы жаман катындарча көргөнүн көрүнгөнгө ташыган эркек болбош керек!

- Камтама болбоңуз, инимдин жаштыгы бар, бирок убагы келгенде жигиттин гүлү болчудан.

Артур Нурланды далыга таптай мактап калды.

Биз кезде Өмүрбек башын ийкей жанындагыларга карап койду эле, бир убакта тегеректеп отуруп алды да сырттан да беш-алтоо келди. Анан чүкө алып келип Өмүрбекке беришти, ойной турган төртөө, калгандары чотур аңдыгандар экени дайын болду. Нурлан мурда-кийин мындайды көрбөгөнгө таңыркап отура берди. Ортолорунда үйүлгөн акча. Ал түнү ойунду кызыгып карап отуруп үйүнө барбай да калды. Ошондон кийин ал үйгө келгени азайып баратты. Супакан аны ого бетер каргап-шилеп жатып калчу болду. Мындай ачуу сөз, уу тилден заарканып, Нурлан Артурдун айтканына көнбөскө аргасы жок экенин сезди да, ойунга аралашып кетти. Адегенде Артур ага чүкөнү кандай таштаганды үйрөтүп, экөө күндө ойноочу. Бара-бара Нурлан колдоочусу бардай өкчөгөн чүкөсү алчы түшө баштаганда, Артур аны чоң ойунчуларга алып барам дегенде ал:

- Байке, азырынча мен бул жерде эле болойун, окуум жакындап калды, - дегенде Артур аны жооткотуп:

- Ээ балакай, канчадасың? - деди.

- Он алтыдамын.

- Ой кокуй күн десе, мен он үч жашымда аралашып, он беш жашымда чоң ойунга катышкамын, анда мен сендей ойной алчу эмесмин.

- Ошентсе да, - Нурлан ачык баш тарталбай мукактанды.

- Жанагы жеңенин уу тилин укканча менин жанымда жүрсөң үч жылда заңгыраган үйлүү болуп, машина минип каласың. Анан жанагы апаң сенин көзүңдүн агы менен айланып кошомат кылбаса мага кел!

- Жок, мени асырап чоңойткон адамдын мага жалдыраганын каалабайм, кандай болгон күндө да ал мени багып чоңойтту.

Нурлан акырын чыгып үйүнө келсе, Супакан анын алдынан чыга калды да:

- Өлүгүңдү көрөйүн жетим, сенделбей жогол, сенин барыңдан жогуң, экинчи көзүмө көрүнбө, эмгегим ургур! - деп алкылдап кирди.

- Апа, экинчи эч кайда барбайм, кечирип койуңуз, үйдөн чыкпайм.

- Жогол дейм шүмшүк, желкемдин чуңкуру көрсүн, садагам кеткир! - деп Супакан колундагы шыпыргы менен чаап-чаап жиберди.

- Апа, кечир мени, айтканыңыз менен болом!.

Нурлан ыйлап Супаканды кучактамак болду эле ал аны түртүп ийди. Нурлан чалкасынан түшүп, дөңгөчкө башы тийип, эсин жоготуп жатып калды. Супакан делдейе түшүп бир аз карап туруп, ага жетип барып булкулдатып ийди эле эч нерсе сезбеди.

- Эл жу-урт, жардамга, айланайындар, жардам бергиле!.

Супакан коркконунан ыйлап ийди. Жүгүрүп келген аялдар Нурланды көтөрүп үйгө киргизип врач чакыртты. Доктор келгенче Нурлан көзүн ачып өзүнө келди, эки жагын карап:

- Апа, мени кечиресизби, мен эч жакка барбайм, - деди ыйламсырап.

Анда:

- Нурлан, сенин күнөөң кайсы балам, апаңдын алдында сенин күнөөң болуп эмне? - деди коңшусу Алтынбүбү.

- Капырай Супакан, айтсаң боло, кирип-чыгып малыңды багып, сырткы-ички жумушуңду ушундан башка ким кылып жатат? Керек болсо балдарыңа бересиң, малың багылуу, кудай десең боло? - деди дагы бири, ал Супаканды жакшы билчү.

- Эгер бул болбосо сенин чулгооң чубалмак! - Жээнкүл аны жаман көрө карады, - Уятың жок сенин, тырмактай баланын жүрөгүн оорутуп кыялыңды карматканыңды койбосоң бул бала кек сактап калаарын билесиңби?

- Мен эмне кылыптырмын, багып чоңойткон күнөөмбү, өлтүрбөй-житирбей, жетимдин кийимин кийгизбей бакканымбы? - Супакан купшуңдай башын чулгуп алды.

- Бообек байкуш болбосо сен эбак көчөгө чыгарып коймоксуң.

- Ооба десең, Бообек байкуш ушуну калкалап жүрүп өтүп кетти. Инисинин арбагы үчүн корголотуп бакпадыбы, сени көрүп эле жүрдүк го, жонуна жаңы кийим ыраа көргөн эмессиң. - Жээнкүл аны өчү бардай баса айтып жатты, - Эшиктеш туруп көрүп эле турбайбызбы?

- Силердин эмнеңер кетип жатат?

Супакан ушинтип алар менен уруша кетмек болгондо врачтар келип калды. Оозун таптап келаткан Супакан элейе отуруп калды.

- Кана оорулуу?

- Мына, жыгылган окшойт, - Жээнкүл Нурланды көрсөтө мындай боло берди.

- Эмне болду? - врач Нурланга карап суроо узатты.

- Жыгылып кеттим, башым дөңгөчкө тийип кетти.

- Этиет болбойт белең, кана көрөлүчү? - деп текшерип жатып, - Бу сени бирөө түрткөн жокпу, мурда башыңдан травма алыпсың. Азыр сен ооруканага жатышың керек, болбосо жаман болот, мээ чайкалып калган, - деди Нурланды үңүлө карап.

- Өзүм эле жыгылып кеттим, - Нурлан башын ары буруп, - Үйдө болом, эч жерим деле ооруган жок, - деди ал.

Анын азыр көздөрүнө жаш тегеренип кеткен эле, баятан бери аялдардын айткан сөзү анын балалык жүрөгүн сыздатып: "Ырас эле мага эмне күндү көрсөтпөдү, качан болсо куураган жетим, шүмшүк жетим деп, асылып кордогонуна чыдадым. Артур байкенин тилин алып эле келбей койсом болмок экен. Окуп кайсыга жетмек элем, андан көрө жашоом оңоло турган жакка ооп кете берейин" деп тамагына келген ызанын жашын кылк жутуп алды.

- Болбойт, дарыланбасаң жаман болосуң бала, жаштык кылба, кокус дарыланбай ооруган жериңди жашырсаң жинди болуп калышың мүмкүн! - дегенде Нурлан коркконунан көздөрүн алайта карады:

- Эмнеге?

- Айттым го, мээге доо кеткен, кокус дарыланбай басылып калды деп балалык кылып жүрүп алсаң арты жакшы болбойт. Сен али жашсың, жүрү ооруканага.

- Балам, аны ооруканага алып барганда дары, уколуна акча керек да? - Супакан сыйпаланып туруп калды, - Жакшы болуп калаар.

Ал ичинен: "Жинди болуп калганы жакшы, мал багып балдарымдын эшигин кайтарган кулу болуп жүрө берет" деп ойлоп турду.

- Жатсын анан көрөбүз, баланын тагдырын ойлош керек, - врач ага бурула, - Ушинтип жүрүп жинди болуп калса кантесиз?

- Жинди болмо келиптирби, жетим калып деле өлгөн эмес, мен муну жинди-минди кылбай эле чоңойтком!

- Болуптур, өзүңөр билгиле! - врач Нурланга дары-дармек берип укол сайды да кетип калды.

Жээнкүл менен Алтынбүбү врач кетип жатканда жолдо турушкан, кайра киришти. Аларды сүйбөй Супакан сыртка чыгып кетип калды.

- Бул өлүгүңдү көрөйүн өзү жетим болуп чоңойгон, каапырдын мерез болуп калганын кара. Садага болойун Нурлан, сен өзүңө-өзүң карабасаң бул шүмшүк сага жакшылык кылбайт, - Жээнкүл башынан сылай эңкейе бетинен өөп, - Кагылайын, өз денсоолугуңду кара, көз алдыбызда чоңойдуң. Баарын көрүп, билип эле турбайбызбы, ал сага жакшылык кылбайт, доктурга жатып дарылан, бизге баарын айтты, - дегенде Нурландын бир жагына отура калган Алтынбүбү:

- Ошент балам, дарылана гой, - деди.

- Эмне эле "күйбөс катын кошокчу" болуп атасыңар, өлбөйт этпейт!.

Супакан кирип келип атырылып бир тийди экөөнө.

- Апа, буларда эмне күнөө, урушсаңыз мени урушпайсызбы! - деп Нурлан катуурак сүйлөп жиберди эле, башы ооруп кетип эки колу менен кармай калды.

Жээнкүл менен Алтынбүбү чыгып кетип врачка барып машинага сүйлөшүштү да Нурлан чыдай албай калганда ооруканага жеткиришти. Супакан карап да койбой кайра каргап калды:

- Бул өлүгүңдү көрөйүндүн жанынын бекемин кара, өлбөй-житпей койду, кеткениңден келбей калгыр!

- Оозуңа карап сүйлө Супакан, бул да бирөөнүн баласы, өлбөсө сага кор кылат беле? - Жээнкүл аны кагып койду.

- Киргизип ал ошону!

- Чоң эле катынсың, акылың жок, тайкылыгыңды кара, сага кор болгон кайран жан!.

Алтынбүбү да ага кошулуп машина менен ээрчий чыгып кетишти. Супакан өзүнчө алкынып-булкунуп сүйлөнүп кала берди. Көчөгө чыккан эки аялга коңшулар кошулуп Супаканды жамандап жатышты. Баары Нурланды аяп, ага боору ооруп шыпшына көпкө турушту да тарап кетти.

Нурландын ооруканага жатып калганын угуп Артур жетип келди, врачка жолугуп керектүү дары-дармегин даярдап берип:

- Кандай иним, дурус болуп калдыңбы, башың оорубай калдыбы? - деди аны эркелете карап, - Ал жыланга барбай эле гой деп айтпадым беле?

- Эчтеке эмес байке, эми ал үйдүн астанасын аттабай турган болдум го? - Нурлан улутунуп алды.

- Кой, көп ойлонбой эс ал. Врач менен сүйлөшүп койдум, буйруса куландан соо болуп сакайып чыксаң, өзүм үйгө алып кетем.

Артур аны башынан сылап, ийинге таптап койуп чыгып кетти. Нурлан бир айдай жатты. Сапарбектин улуу кызы Аяна Супакандын Нурланды түртүп ийгенин көрүп верандага жашынып калган, ал аны менен ынак болуп байкелеп жакшы көрчү. Атасына переговор берип сүйлөшүүгө почтага барганда баарын төкпөй-чачпай айтып койгон. Ал жетип келди. Апасына катуу айта албады, врачка барып сүйлөшүп, жакшылап дайындап анан кетти. Ооруканадан чыгаарда келмек болуп кеткен, бирок келе албады, анткени командировкага кетип колу бошобой калды. Нурлан жакшы болгондон кийин Артур үйүнө алып кетти. Артурдун аялы Шайыр абдан жакшы келин, аны жаркылдап тосуп алды. Артур ага бир сыйра кийим-кече алып берип, өз бир тууганындай карап жүрө берди. Анткени ал буга сарп кылган чыгымын бир эле убакта кайтарып койоорун сезген. Көпкө чейин ага эч нерсе дебеди. Врач Артурга: "Көп капа болуп ойлонбой көңүлү жайында болсо ордуна келет, дагы жакшы болуп калды" деген эле.

Нурландын Артурдукунда жүргөнүн угуп Супакан өзүнчө күйүп-бышып жүрдү.

- Өлүгүңдү көрөйүн тузу арам десе, жерден боорун көтөрүп алса жетимдин кылаары ушу да, - дегенине Аяна:

- Чоң апа, ал аз жерден өлүп кала жаздабадыбы, кантип келмек эле? Ага эле анча жинденип жатасыз, каргап атсаңыз кантип келмек эле? - дегенде Супакан ага акырая карап алды.

- Ийи, сен дагы атаңдан бетер ошо өлүксүзгө болушуп калдыңбы?

- Көргүңүз келбесе аны эмне сөз кылып жатасыз? Тим кой жүрө берсин, күйөөр адамы жок жетимге каерде жүрсө баары бир эмеспи!.

Аяна чоң энесин жактырбай чыгып кетти.

Нурлан абыдан жакшы боло элегин өзү да сезип жүрдү. Туруп-туруп башы катуу ооруп калганы калбай, өзүнчө санаага батып бир күнү көчөгө чыгып жолдо турса Кайыргүл өтүп баратып аны көрүп токтой калды.

- Оой кандай, Нурлан?

- Жакшы, өзүң кандайсың?.

Экөө кол алыша учурашып туруп калды.

- Нурлан, келип турам дебедиң беле?

- Кечирип койчу, - Нурлан жер карай берди.

- Кыздарды алдаган адатың барбы?.

Кайыргүл ага жадырай карап күлүп койду.

- Жок-жок, Кайыргүл…

- Эч нерсе эмес, мындан ары калп айтып, алдабай жүр ээ, Нурлан?

- Алдабайм… - Нурлан аны тигиле ойлуу карады да, - Кайыргүл, жигитиң барбы? - деди.

- Башым бош! - Кайыргүл дагы аны жадырай карады.

- Шаарга кетериңе аз калдыбы?

- Бир жумадан кийин кетем, жолугуп турасыңбы?

- Макул.

Нурлан андан көзүн ала качып: "Мендей жетимдин кимге кереги бар, жолугушпай эле тынч жүрө берейин, бир кезде адам болоормун, ошондо мен да бирөөгө жолугаармын" деп жер карап туруп калганда:

- Мен кеттим, үйдү билесиң да, барып тур! - деп Кайыргүл басып кетти.

- Жакшы бар.. .

Нурлан аны армандуу көз карашы менен аны узата карап тура берди: "Менин карегимде түбөлүк кала берет ушул турпатың, жүрөгүмдө жашайсың, сени эч качан унуталбайм, Кайыргүл, менин тунгуч сүйүүм, кош бол!" деп ойлоп көзүнүн жашы төгүлүп жетимдигине, жалгыздыгына зээни кейип көпкө турду да, артына кайрылып үйгө кирсе Шайыр ага күлө карап:

- Ой сага эмне болду, жигит болуп калбадыңбы эми. Кой, капаланбай жүр, көп ойлонуп минте берсең кайра ооруп каласың, - деп бооруна кысып төргө өткөрдү, - Отур, отура гой, тамагыңды ичип эс ал.

- Жеңе, мен жетиммин, мендей жетимдин кимге кереги бар? Кыз сүйө албасаң, жашоодо колдоп, жүрөгүңдү жылытаар адамың болбосо кимге керексиң!.

Нурлан ойлуу жер карап туруп айтканда Шайыр аны эркелете карады:

- Экинчи мындай сөздү айтпай жүр. Артур байкең сени жакшы көрөт, мен дагы, буйруса биз сени үйлөнтүп бутуңа тургузабыз. Эч ойлонбо, макулбу?

- Рахмат жеңе, сиздерге абдан ыраазымын.

Нурландын көздөрүнө тамчы жаш кайрадан пайда болду. Бул жаш анын кубанычтагы көз жашы болчу. Кабыргасы ката элек боз уланды бооруна тартып, жакшы сөз айткан адамдарга жүрөгүнөн ыраазы болуп турган: "Сапарбек байкем үйдөн кетип калдың деп жаман көрбөс бекен" деп да ойлоп алды ушул кезде.

Убакыттын өткөнү көр тирликтин артынан жүргөн пендесине билинбейт эмеспи. Нурландын жүрөгүндө таза, аруу сезим ташкындап турган менен, ал өзүн башкалардан кем сезип Кайыргүлгө жолугуудан баш тартты: "Мен ага жолугуп сүйүүмдү билдирген менен ал мени теңине алмак беле? Атасы кызматчы болсо, өзүмдү да, Кайыргүлдү да кыйнабай өз жолум менен болгонум туура болоор, мен аны сүйгөн менен ал мени сүйбөй койор" деп санаага батып, анын кетээр күнүн санап жүргөндө сыртта жүргөн Шайыр: "Азыр, мен чакырып койом" деп бирөөгө айтып жатканда Нурлан чыга калды.

- Нурлан, чыгып жолугуп койчу, бир классташың келиптир.

- Ким деген? - Суроолуу Шайырды карады.

- Кайдан билем, классташымын деди го?

- Азыр.. .

Нурлан шаша дарбазадан чыга калса Кайыргүл бет маңдайында турат.

- Нурлан, кандайсың? - Ал күлө суроолуу тигилди.

- Жакшы, өзүң кандай?

- Эң сонун. Сени күтсөм жоксуң, эртең кетем, жолугуп кетейин дегем… - Кайыргүл Нурланды уяң, жылдыздуу көз карашы менен аста карады, - Эмнеге келбей койдуң?

- Кайыргүл, капа болбочу, мен бир аз ооруп калдым, анан сага баралбай эле.

Нурлан күнөөлүүдөй жерди бутунун башы менен чукулап туруп калды.

- Аа-а, эчтеке эмес, эгер бул жерде болсом өзүм тез-тез келип турат элем, кат жазып турайын, жооп жазасыңбы? - Кайыргүл жылмайганынан жазбай жанына жакын келди, - Шаарга барсаң мага сөзсүз жолуккун, ээ?

- Болуптур, барып калсам табам, сен күйөөгө тийип кетпесең эле табам, - Нурлан ага тамашалай күлүп койду.

- Кантип, мен окууну бүтмөйүнчө күйөө-пүйөөгө тийбейм! - Кайыргүл таарынгандай буруя калды.

- Кечирип кой Кайыргүл, тамашалап койдум, сен бойго жетип чоңойгондо мени тааныбай калсаңчы?

- Эң сонун тааныйм, мен сени эч качан унутпайм, а сен дагы унутпагын, макулбу?

- Эч качан!.

Нурлан ушинтип алып улутунуп ийди. Кайыргүл экөө көпкө чейин каткырып, жол бойунда турушту. Ушул кезде алардын тунук сезимдеринде бири-бирин жүрөктөр аркылуу сезип, туйуп турган менен жаштык уяңдыгы аларга тоскоол болуп купуя гана коштошуп турган эле.. .

Аңгыча Кайыргүл жөнөмөк болду:

- Нурлан, мен кеттим, чоң энем күтүп калды, эртең эрте кетем, атам мени алып кеткенге өзү келген… - деп колдорун ушалай бир аз тайсалдай туруп, Нурланга жакын келип бутунун башы менен тура калып бетинен өөп алды да, эки бети кызара түшүп, - Кош, жакшы кал! - деп жүгүрүп кетти.

- Ко-ош, жакшы бар!.

Нурлан кыз өпкөн бетин сыйпалай жүрөгү толкундана кубанычы койнуна батпай, кетип жаткан кыздын артынан кол булгалап тура берди. "Демек мени сүйөт тура. Салый мени алдаган экен, ал бузган тура, ошондо барып жолуксам болмок экен" деп күүгүмгө чейин ары басып, бери басып чоң кишидей ойлуу жүрдү. Кеч күүгүмдө гана Артур келгенде кошо ээрчий үйгө баш бакты. Шайыр жаркылдап чай, тамагын даярдап, балдарын башка бөлмөгө отургузуп үчөө тамактанышты. Балдары тартиптүү, чоочун адам келсе үстүнө кирбейт, ар дайым өздөрүнүн бөлмөсүндө. Шайыр абдан жакшы келин, өзгө да, жатка да бирдей мамиле жасап келим-кетими өтө көп эле. Көбүнчө дүкөнүн ачып соода кылып колу бошобой калганда ушу кызы Атыркүл үй оокатын өзү жасачу. Ал Нурланды жакшы көрөт, экөө ынак. Бош убактыларында сүйлөшүп отура беришет. Ошол күнү Атыркүл экөө сүйлөшүп отурганда:

- Сиз билесизби, Кайыргүл деген кызды? - деди.

- Эмнеге сурап калдың?

- Деги да, ал менден сизди сураган эле…

- Ооба таанычумун.

- Жакшы кыз ээ?

- Мүмкүн…

- Сиз аны жакшы көрөсүзбү? - Нурлан аны жалт карады, - Мага абдан жагат, ага канча балдар кат жазганын билем, - Атыркүл жылмайып койду.

- Балким жакшы кыздыр, мен ага тең эмесмин Атыркүл, менин ата-энем жок болсо ал мени жактырмак беле?

- Сиз андай дебеңиз, ал аябай түшүнүктүү кыз, ал сизден бир сөз күтүп жүргөн чыгаар? - Атыркүл он үч, он төрттөрдөгү бой жете элек ойноо кыз болсо да ага жан тартып көңүлүн көтөрүүгө далбастады, - Эгер мен өзүмө жаккан жигит болсо эч нерсесине карамак эмесмин!

- Койчу, чын элеби? - Нурлан аны сынай карады.

- Чын, ата-энеси болобу, болбойбу - жакса эле болду да.

- Азамат, бирок Артур байкем сени жетим балага бербейм деп каршы болсочу?

- Андай болбойт, мен өзүм каалаганга барам, көрөсүз го?

- Ма-акул, бактылуу бол карындашым, - Нурлан ойлуу анын башынан сылап койуп ордунан турду, - Жүрөк каалап турса да көңүлдөгү көйгөй ага жол бербей жатпайбы, жалындап күйүп турган жүрөктү муздаткан жаман сөз угуп калбайын деп артка чегинип жүрүп баарынан калаарым турган иш го, тартынчаактык мени өз сүйүүмдүн алдында алсыз чымчыктай чыркыратып, жүрөгүмдө муңдуу музыканын кылдары көкүрөгүмдө чертилип сыздап турат, ушуну ким сезет, ким жүрөк оорума себеп болот?

- Мен! - Атыркүл байкоосуздан ушинтип жибергенин өзү да сезбей калды

. Нурлан жалт бурулуп селдейе туруп аны таңгала карап:

- Эмне дедиң? - деди.

- Мен, мен сиздин жүрөк ооруңузга дары болом, сизди мен жакшы көрөм!.

Атыркүл жер карап туруп сүйлөгөндө Нурлан басып келип аны өйдө кылды да, көздөрүнө тигиле карап, анан чекесинен өптү:

- Карындашым, мен сага абдан ыраазымын, көңүлүмдү көтөрүп койдуң, биз тууганбыз, бири-бирибизге жөлөк болуп жүрөлү.. . - деп сыртка чыгып кетти.

Атыркүл турган жеринде катып көпкө туруп анан жол жактагы терезеге келип сырты карады. Нурлан дарбазадан чыгып ары-бери басып жүргөн: "Кызык, Атыркүл эмне дейт, али эне сүтү оозунан кете элек жаш кыз, менден көп болсо төрт жашка кичүү. Кой, бул жерде көпкө жүргөнгө болбойт. Артур байкем менен Шайыр жеңем эмне дейт, андан көрө ушундайымда эптеп кетип калганым жакшы" деген чечимге келди. Бирок ал өз чечимин тактап бүтүп айтпай кетип калаарда Артур аны таңата тургузуп машинасына отургузуп алып шаарга карай жөнөдү. Анын ишенимин актоо үчүн ал чындап ушул күнү чечүүчү ойунда жеңип чыгууну көздөп жатты. Чоң ойунчулар келбей калып бул күнү ортодо элүү миң сом утушка койулду. Чынында ар бир ойногондо жүз, эки жүз миң сомду ойночу эргулдар ичи толбой турду. Чүкөнү тегеретип ар бири калчап келип Нурланга кезек келди. Ал мындай ойунга алгач катышып жаткандыктан жүрөксүп турду, ичинен жалынып жатты кудайга. Акыры көзүн жума:

- Дарткем! - деп жиберди чүкөнү ортого карай серпип.

- Аз-замат!

- Ой укмуш! - дешип бири-бирин карап баары чүкөнү карап калганда көзүн акырын ачып караса төрт чүкө тең таа түшүп калыптыр.

Ойунчулар таңгалып да, ушул көчөт баланын колуна түшчү ортодогу акчаны кызганып да эч нерсе дегенге ооздору барбай бир топко жымжырт боло калды. Ошондо Артур ордунан туруп келип:

- Азамат иним, эмгегим текке кетпептир! Бул сенин алгачкы кадамың, ошондуктан бул акчага биз чогуу тойлойбуз да, сенин тушооңду кесебиз! - деди Нурланды далыга таптай.

- Туура, бул бала анык азамат экен, кезеги келгенде алдына эч кимди салбайт го?

- Артур өзүнүн приемдорун үйрөтсө деле кандай. өткөндө Өмүрбектин айтканы туура экен: "Биздин арабызга өтө кыйын жигит келет, эгер ал артына кайрылбаса дүйнө бойунча аты угула турган экен. Анын бир гана жолу бар, эгер бул жолдон кете албастай болуп көнүп алса өзүнө кыйын болот" деген эле, - деди бүркүт кабак, каштары калың, мурду коңкойгон, өзүбекке окшогон Турусбек.

- Ыраспы ошентип айтканы? - Артур ага карай суроо берди.

- Чын, анын алды жакты көрүп коймой адаты бар. Кыскасы, алдын ала билет көп нерсени.

- Кызык экен.. .

Артур унчукпай калды. Андан кийин баарына кеңешип, кой сойуп тойломок болушту. Калгандары ойноп жатты. Нурланды Артур ойунга кошкон жок, сыртта казанга от жактырып, тамак бышыртып койду. Үч күндөн кийин олжолорун алып айылга жөнөмөк болгондо, Нурлан:

- Байке, мен шаарда калып Сапарбек байкемдерге жолугуп кетейин, - деди башын сыйпалай.

- Эмне, сени жалгыз таштап кантип кетмек элем? Андан көрө Сапарбекти экөөлөп издеп таап жолугуп кетели.

Артур машинасын ордунан жылдырып шаардагы Сапарбек иштеген мекемеге келип сураштырып бат эле таап алды, бирок ал ордунда жок экен. Үйүнүн дарегин сурап алып жетип келишсе, Асылкүл эки баласы менен отуруптур. Нурланды көрүп эле ордунан тура калды:

- Кел Нурлан, келе гой! - бетинен өөп Артурга баш ийкей учурашкан болду, - Жөн-жай эле келдиңби, айыл тынчпы?

- Жакшы эле.. . .

Нурлан башын жерге салып отуруп калды, Артур аны бир карап койуп Асылкүлгө башын бурду:

- Келин бала, Нурлан азыр биздикинде, уккан чыгаарсыңар. Бир жумуш менен шаарга келдик эле, силерге жолугайын дегенинен ээрчитип келгем.

- Жакшы-жакшы, байке, эми калтырып койуңуз биерге, байкеси келсе кетирбей койбойсуңбу деп мени урушуп жүрбөсүн?

- Сапарбек иним андай адам эмес, Нурлан бүгүн мында кала берсин, мен эртең менен келип өзүм алып кетейин, - Артур Асылкүлдү карады, - Кенен сүйлөшүп алсын, - Нурланга бурулуп, - Мен барайын, сен эртең мен келгенче даяр бол, - деди да чыгып кетти.

Нурлан ага баш ийкеген менен кеткиси келбей: "Жо-ок, мен эми ушул жерде калышым керек. Жумуш таап берсе иштейм, Атыркүлдүн мени жакшы көргөнүн билип калса алар үйүнөн кууп чыгат, андан көрө алыс болойун" деп телмирип туруп калды. Асылкүл аны коноктоп тамагын жасап, душка түшүрүп кийимин алмаштырып, төркү бөлмөсүнө киргизди. Балдары аны тегеректеп ойноп жатты. Сапарбек жумуштан келип эле тамактанганы отурганда кичүү уулу Акылбек:

- Ата-а, Нурлан байкем келбедиби? - деди эркелей тизесине отуруп жатып.

- Койчу, ал кантип келип калды? - Сапарбек ишенип-ишенбей аялын карады.

- Артур байке менен келиптир.

Асылкүл жооп берди.

- Аа-а, - деп койду Сапарбек ойлуу, - Ал ошонун үйүндө дебеди беле баса. Чакырчы, кайда жүрөт?

- Азыр, - деген Акылбек жүгүрүп барып кайра келди, - Келатат.

- Оо кел Нурлан, кандай денсоолук, дуруспу? - Жанына келген Нурландын сунган колун алып бетинен өөп, - Отур, - деди.

- Жакшы.

- Эмне, шаарга Артур менен келдиң беле?

- Ооба.

- Жакшы-ы иним, бирок Артурдун жаман жолуна түшпөсөң эле болду.

- Койсоңчу, жаш балага бирдемени айта бербей, - Асылкүл күйөөсүн тыя сүйлөдү.

- Чындыкты айтыш керек. Ал өзү ошондой жол менен жашап көнүп калган. Буга да үйрөтүшү мүмкүн.

- Нурлан али жаш, бала немеге кантип ошол жолду көрсөтмөк эле?

- Жок, Артур өзү жакшы адам, бирок арамдык менен нан таап көнүп калган да, - Нурланды карады, - Сенин келечегиң алдыда, Артурдун андай ишине аралашпагын. Биерде каласыңбы?

- Ооба.

- Эң сонун, өзүм сени жумуш таап иштетип койом, анан бир эки жылдан кийин окууга тапшырып окуп алсаң адам болуп каласың. Кыскасы, адал эмгек менен жашасаң өзүңө да жакшы, - деди Сапарбек ойлуу, анткени анын да жашоосу өзүнө жетээрлик, төрт баласын жалгыз өзүнүн айлыгы менен багып жаткан.

Асылкүл жаш төрөп үйдө отуруп калгандан бери бир аз кыйнала түшкөн эле. Азыр Нурландын бул жерге келиши да ага оор тийди. Жакында жумушунан которулуп кызмат орду ылдыйлап, өзүн жаман сезип жүргөн. Чынында ал Нурланды колунан келсе бапестеп алмак ойдо эле.

Эртеси Артур эрте келди, Сапарбек жумушка кете элек болчу.

- Оо тууган, кандай?.

Артур кош колун суна учурашты.

- Жакшы-жакшы, байке, келип калыпсыз? - Сапарбек ордунан тура калып ызаат кыла орун көрсөттү, - өйдө өтүңүз.

- Тынч, аман жатсаңар эле болду. Бу, Нурланды ала кетейин деп эле кайрылып калдым.

- Аа-а, ал биерде калам дебатат го?

- Ой аны бул жерде кармаганда эмне, шаарды жакшы билем иним. Нурлан сенин иниң болсо менин да иним, ага мен жамандык каалабасымды өзүң билесиң да?

- Ооба-ооба, деңизчи… - Сапарбек өйдө карабай күңкүлдөй, - Мектепти бүтөт эмдиги жылы, анан окуп дегендей…

- Ал жагынан кам санаба, мектепке барат сөзсүз.

- Нурлан, өзүң эле чеч, Артур байкем деле бизге тууган, арабыз алыстап кыз алышып калганыбыз эле болбосо..

- Ап-бали иним, туура айттың, мына эми кайра сөөк жаңыртып алсак деле болот? - Каткырып калды, - Ого бетер жакындап калабыз.

- Аны эми көрө жатаарбыз, - Сапарбек Нурланды карады. - Өзүңө жаккандай иш кыл, тиер менен биердин айырмасы деле жок, байкем туура айтат.

- Мейли, сиз эмне десеңиз ошондой болсун.

Нурлан келгенден бери бир нече саат болсо да агасынын кыйналып турганын сезип калган. Ошондуктан ал азыр Артур менен кетүүгө даяр турду. Алар аерден чыккандан кийин Артур: "Бул балага акча, байлык деген эмне экенин билгизип койушум керек, бир кызыгына батып алган соң баш тарта албай калат" деп дүкөндөн бир сыйра кийим алып берип:

- Быйыл окууга бара бер, он бирди бүтүп алсаң анан көрөбүз калганын, - деди ага жылмая карап.

- Макул байке, сиз оку десеңиз окуйм, окууга барбай эле кой десеңиз ага да макулмун.

- Азамат десе, улууну угуп элпек болсоң кимге болсо да жагасың. Айылдын өзүңө жаккан кызына үйлөнтүп койом, өзүңчө үй салып берем!.

Артур келээр келгиче ага убада берип да, келечеги үчүн кам көрөөрүн баса айтып да келатты. Окуу башталаарына он беш күн калган эле. Антип минткиче окуу да кирип келди. Нурлан кадимки өз классына кирип окуй баштады. Келген күндөн эле Салый аны жандап бежиреп сүйлөй берди, Нурлан аны сүйбөсө да унчукпай уга берет. Бир күнү ал танаписте сыртка чыгып кетти эле, Салый анын китебинин ичине атайын жазып койгон катты салып койду. Ал аны билбеди, Азиза деген кыз китебин сураганынан ага бере салды.

- Эртең ала кел, мен да окуйм.

- Макул Нурлан, эртең бул кирбейт, мен бүгүн окуп алып эле, эртең берем.

Азиза аны сумкасына салып койду. Салый аны байкаган жок, катты салып койуп билмексен боло чыгып кеткен. Эртеси Азиза сабакта отуруп жанындагы Жазира экөө улам Нурланды карап күлүп жатышты. Аңгыча сабак башталып бүткүчө тынч отурушкан, мугалим кетээри менен экөө кайрадан кагазга үңүлүп күлүп жатканда Доктурбек деген бала байкатпай жетип артынан колун сунуп кагазды жулуп алып качып жөнөдү. Жазира менен Азиза Салыйды жаман көрүшчү, унчукпай тиктешип кала берди. Доктурбек доскага барып катты ачып үнүн чыгара окуй баштаганда балдар каткырып калышты, Салый кызарып-татарып ордунан тура калып, ага жетип катты талашмак болгондо балдардын баары күлүп ийди. Нурлан эч нерсеге түшүнбөдү. Каттын мазмуну мындайча экен:

"Нурлан, бул катты кандайча баштаарымды да билбей турам, анткени сүйүү деген ушунчалык сүрдүү да, күчтүү да экен. Жаш жүрөгүмдүн жараланганын сезбей сен билмексен болосуң, неге? Мен сени таза балалык сезимим, назик көңүлүм, чын жүрөгүм менен сүйөм! Башкалардан сени кандай кызганаарымды билбейсиң, билип турсаң да билгиң келбейт. Бирок күнөөсүз жаш жүрөгүм сенин бир кезде меники болоорун сезип турат, мен сени өмүр бойу жанымда жүрөөр жарым болушуңду каалайм. Сүйүүмдү кабыл алчы, суранам Нурлан, мен сени сүйөм, сүйөм, сүйөм!!! Салый".

Салый ыйлаган бойдон чыгып кеткенде Доктурбек катты толук окуп берди эле балдардын баары Нурланды карап калышты. Ал унчуккан жок, ордунан туруп Доктурбектин жанына келди да:

- Бүттүңбү? - деди.

- Ооба, эмне болду?.

Ал дагы керсейип аны тике карап туруп калды.

- Эчтеке, бүтсөң бер бери!

- Бербесемчи?

- Бересиң!.

Нурлан аны жакадан ала доскага жабыштыра түртүп барып колундагы кагазды алды да басып кетти. Эч кимиси үндөгөн жок. Алар аны сыйлачу анын сабакты жакшы окуганы, боорукерлиги, тартиптүүлүгү мугалимдерге да жакканынан эч кимиси үндөбөй отуруп калганда Нурлан жай басып өз ордуна отурду да кагазды окубай туруп тытып Салыйдын сумкасына салып койду. Сабак бүтөөрдө Салый кирди да сумкасын алып чыга жөнөдү эле, Доктурбек аны босогодон тосуп:

- Нурланды эле сүйбөй мени да сүйүп койчу, ага караганда менде баары бар, анын эмнесин сүйдүң, ыя? - деп кытмырлана күлгөндө Салый аны жакка чаап туруп жүгүрүп кетти.

Доктурбектин ата-энеси ошол убакта акимчиликте иштечү, заңгыраган үйү бар, окууда дайым ал Нурлан менен атаандашып турчу. Эптеп аны шылдың кылгысы келсе да калган окуучулар аны коштобой койгондон кийин класстан чыгып баратып:

- Нурлан, кечирип кой, дагы далай кездешебиз да. "Кыздардын сүйүүсүнө арзыйт экемин" деп көөп кетпе. Чынында сенин эмнең бар, айтчы: ата-энең жок болсо, бирөөнүн үйүндө кул катары зорго батып жүрсөң сенин кимге керегиң бар? - деп колун көтөрө башын буруп жылмайып койгондо Нурлан туруп барып аны кармап калды:

- Эмне деп былжырап жатасың? Мен жетим болсом сен да бир күнү жетим болооруңду унутпа, же сенин ата-энең өлбөс болуптурбу? - деди эле экөө алышып калды.

Коридордо мушташып жатканда окуучулар экөөнү ажыратып койушту.

- Кыйынмын деп жүрөсүңбү, шашпа мен сага көрсөтөм! - Доктурбек кийимин оңдоп сумкасын алып басып кетти.

- Көрүшөбүз, - Нурлан класска кирип китеп дептерин алып үйүнө жөнөдү.

Ошол күнү анын маанайы пас келгенин Шайыр көрдү да үндөгөн жок: "Бир нерсеге капа болсо керек, ого бетер жүрөгүн оорутуп сурабай эле койойун" деп алдына тамагын койуп жатканда Атыркүл келип калды, экөө тамактанып отурганда Шайыр чыгып кетти. Нурлан: "Кызык, Салый качан салып койду? Көрбөгөнүмдү кара, эгер көрсөм мурун эле жок кылып коймокмун" деп ойлонуп жатты.

- Нурлан байке, сиз жөнүндө мектепте аябай сөз болуп жатат. Салый менен сүйлөшүп жүрдүңүз беле?.

Атыркүл анын ойун буза сүйлөгөндө Нурлан башын чулгуп алды:

- Ким, эмне дешти?

- Окуучулар…

- Жалган!

- Эмнеге, окуучулардын баары айтып жатышат?

- Билбейм, баары калп Атыркүл, сен ишенбе ал сөздөргө.

- Макул, мен сизге ишенем, бирок… - Атыркүл Нурланды карап көпкө отурду да, - Сиз Салыйды сүйбөйсүзбү? - деди.

- Жок, мен эч кимди сүйө элекмин Атыркүл. Азыр эрте, сүйүү келе элек, сүйүү эмне экенин сезбей туруп сүйөм деп айтуу жарабаган иш да.

- Түшүндүм, - Атыркүл дале Нурландан көзүн албай карап, - Сүйүүгө ишенесизби? - деди.

- Өзүм сүйүп көрбөгөн соң ишене албайм!

- Болуптур, - Атыркүл чыгып кетти.

- Тентек, - Нурлан анын артынан карап жылмайып алды: "Бул шайтан кыз эмнени ойлонуп жатат болду экен, эч нерсе менен иши жок тентек бирдин ичинен чыкпагай эле" деп ойлонуп жатты.

Ошол күнү алардын үйүндө ойун болду. Нурлан дагы катышты, бул жолу ал дагы жолдуу болуп жүз миң сом утуп алды. Өмүрбек менен Дайыр абыдан жинденип кайра-кайра ойноп, болгон акчаларын койсо дагы утулуп жатты, бирок аргасыз күлгөн болуп күпүлдөй Нурланды жонго таптап жатты.

- Азамат Нурлан, азыр сенин ооматың келип турган экен. Да-даа демек биздин кезегибиз өтүп кетти окшойт, эсиңде болсун, мунун да арты болот! - Өмүрбек сөзүнүн артын кыжырлана бүтүрдү.

- Туура, Нурлан азыр жаш, бул кумардын анты бар, бир жыгылсаң өлүмгө жеткирет, - Дайыр аны коштоду.

Артур алардын сөзүнө анча маани бербегендей коноктоп узатты. Нурландын тапкан акчасына Артур ошол айылдан үй сатып алып койду. Нурланга ачык айтып:

- Нурлан, бул үй сеники болот, азырынча эч ким билбей эле турсун, анткени сен мектепти бүтө элексиң, мен сага үй сатып бергенимди Сапарбек укса капа болот, - деди дасторкондо отуруп.

- Макул.

Нурлан ушул саам ичинен абдан толкунданып турду. Ушул тапта: "Өмүрүмдүн акырына чейин ойнойм, буйруса Артур байкем колдоп койсо үйбүлө күтүп өзүмчө жашап кетем" деген ойго келди. Анын өмүрүндө өчпөс так калтырчу окуя турганын балалык байоо сезими сезген жок, болгону жетимдиктин азабын тартып жакшы айтаар адамы өтүп кеткенден кийин жаш болсо да алга карай үмүт жетелеп, жашоого бел байлап турду. Түнү менен келечеги жөнүндө ойлонуп бакыбат жашоону көз алдына элестетип уйкусу качып, таң эрте туруп жуунуп алып мектепке карай шашып жөнөдү. Ал келгенде класста бир гана бала бар экен, партасына отуруп алып сабакка даярдык көрүп отурганда топурап окуучулар кирип келди. Тамара отуруп-отурбай жатып эле:

- Балдар, силер туура эмес кылдыңар кечээ, Салый кечээ күнү үйүнө барып муунуп алыптыр! - дегенде баары аны карап элейип калышты.

- Койчу, чын элеби? -Азиза озуна сурап ийди.

- Калп айтып эмне кылам? Эмнеге өз жанын кыйганын билбей ата-энеси ыйлап жатат деп апам айтып келди.

- Ай-иий, жаман болгон тура! Байкуш Салый, намысына чыдабай өлүп калган экен да?.

Жазира ыйлап кирди. Кыздардын баары ыйлап жатканда математика мугалими кирип келди.

- Саламатсыңарбы, балдар!

- Саламатсызбы? - деп чогуу айтышканда:

- Отургула, сабакты баштайлы, - деп журналын ачып жатып бышылдаган үндөн окуучуларды айланта карап, кыздардын ыйлап басылалабай турганын көрүп чоочуп кетти:

- Силерге эмне болду?

- Эже, Салый… Молдокулова Салый… - деп Азиза токтоно албай эчкирип ийди.

- Эмне болду, айтпайсыңарбы?

- Эже, Молдокулова Салый кечээ өлүп калыптыр! - деп Нуржан тура калып айтканда мугалими да чоочуй:

- Эмне болуп? - деп балдарды карады.

Доктурбек башын жерге сала астыртан Нурланды карады, ал ага муштумун дептерине далдоолоп көрсөткөндө ары карап кетти. Сабак бүтөөрү менен чогулуп классташтар Салыйдын үйүнө жөнөдү. Нурлан көзүнүн жашын көлдөтүп ичинен сыздап турду: "Салыйдын өлүмүнө мен гана күнөөлүүмүн, эгер катты көрүп катып алганымда мындай болмок эмес. Доктурбекти өлтүрөм, ошол болбосо өлбөйт болчу" деп ойлонуп, анын анык өлгөнүнө көзү жетип кайтып келатканда Доктурбекти карады:

- Сен эркек эмессиң, эгер эркек болсоң жүрү экөөбүз сүйлөшөбүз.

- Сендей катын эмесмин!

- Ким катын, оозуңа карап сүйлө! - Экөө бири-бирине тирелишип калганда Нурлан анын жакасынан алып силкти:

- Эркексиңби, жеке сүйлөшөбүз.

- Сүйлөшсө сүйлөшөм эле.. . .

Алар ары көздөй басканда Нуржан:

- Балдар, бири-бириңден кыйын боло бербей ынтымакка келбейсиңерби. Мына чоңойдук, келерки жылы ар жакка тарайбыз, ушунуңардын айынан бир кызыбызды жоготуп алдык. Койгула эми, уруштан эмне пайда чыкмак эле? - деп алдын тосту.

- Турчу мындай, акылдуусунбай мага! - Доктурбек аны көкүрөккө түртүп ийди.

- Сен акмаксың Доктурбек, Нурлан түшүнөт баарын, ушундайыңдан аны да бир балээге кабылтпасаң болду! - Азиза аларга жакын келди, кыздар чогулуп Нурланды тегеректеп алышты:

- Нурлан, сен ага теңелбе, анын чиренгени ата-энесинин акчасы, сага ал тең эмес!

- Сен эстүүсүң Нурлан, ал хулиганга теңелбей эле кой. Эгер ал катты окуп берип уят кылбаганда ал өлбөйт болчу.

- Анын өлүмүнө Доктурбек гана күнөөлүү! - дешип чурулдай Нурланды токтотуп калганда Доктурбек жиндене сөгүнүп кыйкырып кирди:

- Ооба, менин ишенээрим ата-энем, мунун эмнеси бар экен? өлсө көмүп алаары жок селсаякты коргоп калдыңарбы, Нурлан эркексиңби бас!

- Өз убалың өзүңө!.

Нурлан кыздардын тосконуна карабай аны жетип карыдан алды да сүйрөп жөнөдү, классташтары алардын артынан кошо баратты.

- Кана эмне демексиң? - Доктурбек ээн жерге келгенде муштумун түйө атырылды.

Балдар аларды беритен көрүнбөй карап турушту.

- Сен Салыйдын өлүмүнө күнөөлүүсүң, эгер эркек болсоң аны уяткарбайт болчусуң!

- Эмне, катын жашырып албай китебиңе салып, Азизага мактангың келди беле?

- Мен катты көргөн эмесмин!

- Калп, Салыйды шылдың кылгың келген өзүң!

- Эч качан, мен катты көргөнүмдө эч кимге көрсөтмөк эмесмин, а сен катынсың!

- Ким катын?.

Экөө жакалашып бири-бирин тепкилей баштады. Ошол убакта балдардан бөлүнүп калып Нуржан класс жетекчисин ээрчитип келип калды. Бири-бирин аябай тепкилеп, оозу-мурду канжалаган Доктурбек жалдырай баштаган эле.

- Токтогула, эмнеге урушуп жатасыңар? - Жунус келип аларды эки жакка ажыратты, - Кана, күнөө кимиңерде?

- Агай, күнөө менде, мен Салыйдын өлүмүнө күнөөлүүмүн! - Доктурбек тура калып кан болгон жерин сүртө жер карады, - Мен аны шылдыңдап койгом.

- Эмнеге шылдыңдап жүрөсүңөр? - Жунус балдарды аркы-терки караганда алар түшүндүрүп болгонун айтып берди эле, ал ойлуу отуруп калды.

- Агай, Доктурбек катты баарыбызга ачык окуп бербегенде ал өлмөк эмес! - дешип кыздар Доктурбекти жек көрүп, күнөөлүү катары аны жамандап жатты.

Бирок Салыйдын ата-энеси ким күнөөлүү деп эч кимден сурабады. Анткени Салый кат жазып койуп, анан муунуп калыптыр, аны кийин апасы Жазира менен Азиза барганда көрсөтүп ыйлаптыр.

Азиза аны Нурлан менен классташтарына айтып берип:

- Нурлан, сен Салыйдын апасына жолуксаң, ал бир буйум берем деди, байкуш ал өз өлүмүнө эч кимди күнөөлөбөптүр… - деди ыйламсырай.

- Кызык, мага эмне бериши мүмкүн? - Нурлан аны ойлуу карап жооп күттү.

- Билбейм, балким Салый сага берсин деп атайын берген буйумдур?

- Чын эле, ал сени жакшы көрүп жүрсө..

- Ошону айтсаң, байкушту биз жаман көрүп жүрсөк ал аябай адамгерчиликтүү тура, - дешип улутунуп эскерип жатышты.

Анын жакшы сапаттарын айтып бир топко сүйлөшүп, анан үй-үйлөрүнө тарады. Азиза Нурланды жандай басып:

- Нурлан, өлгөн адамдын арбагын нааразы кылган болбойт, сен сөзсүз жолугуп кой, - деди.

- Барса барайын, бирок эмне деп барам?

- Өзүң билесиң, анын кечээ гана жетилигин берди, сен ага куран окутуп барган бол, жаныңа Нуржан же дагы бирөөнү кошуп алсаң болот.

- Чын эле, Нуржанды ээрчитип алайын.

Нурлан арыта кетип жаткан Нуржанды карап кыйкырды:

- Ээ-эй Нуржан! - Жалт карай берген ага колун булгалады, - Бери келсең.

- Эмне болду? - Нуржан басып келатып сурап калды.

- Иш бар.

Ал жете келгенде Нурлан Азиза экөө ага айтты эле, ал макул болду. Азиза алардан бөлүнүп үйүнө жөнөдү. Экөө Салыйдын үйүн көздөй ээрчишип басып баратканда Нуржан:

- Эмне болду деп сураса эмне дейбиз? - деди Нурланды карап.

- Билбейм, балким сурабайттыр…

- Жакындаган сайын жаман болуп жатам.

- Сабырдуу бол! - Нурлан аны карап жылмайып койду.

Аңгыча жетип келишти. Сыртта жүргөн Салыйдын атасы жанындагыларга бирдеме деди окшойт, эки жигитти утурлап тосуп алышты.

- Салом Алейкум!.

Экөө жарыша салам айтканда, алик алышкан экөө аларды үйгө киргизди. Атасы кирип куран окуду да чыгып кетти. Апасы Күлүйпа ыйлап отуруп ары жагынан чоң дептер алып чыкты:

- Балам, Салыйдын каты ушунун ичинде. Чырагым жаштайында өз жанын өзү кыйды. Кулунчагында эле сүйүү деген балакетке кабылып, жашоодон аша кечиптир, - Көз жашын жүз аарчы менен аарчыды да, - Кулунум аман-эсен чоңойсо жакшы эле болмок экен, сен аны бактылуу кылмак экенсиң балам, кез-кезде келип тур! - деди да колундагы дептерди сунду.

Нурлан кургап-тердеп, мууну калчылдап зорго алды аны.

- Кайгырбаңыз, - дегенге араң жарады ал, - Биз кетели, жакшы калыңыз.

Ордунан туруп, сыртка карай баратып жер үстүндө басып баратканын же учуп баратканын сезбей, үйдөн алыстаганда гана "өх" деп жиберди экөө тең.

- Нурлан, сен кандай акыбалда калдың, мен аябай жаман болдум, - деди аны карап.

- Кантип кирип, кантип чыкканымды сезбей дагы калдым. Эгер Салый өлбөгөн болсо минтпейт элек да, - Нурлан дагы аны карап койду.

Жолдон буруу жерге баргандан кийин дептерди ачып көрмөк болушту. Нурлан ачкысы келбесе да Нуржан анын жанын койбоду. Алыс барып кырка өскөн талдын түбүнө отуруп алышып эки жакты абайлап карап алды да ачып эле бир барак кагазды көрүп окуй баштады. Анда сулуу, тегиз кылып жазган табышмактуу кат экөөнү алыска жетелегендей отуруп алып окуп жатканда Нурландын көзүнүн жашы барак бетине тамчылап жатты.

"Апа-ата, силер мени кечирип койгула, алпештеп баккан гүлүңөр элем, үйүңөрдө" жалгыз күйгөн чыгаргыңар элем, багыңарда сайраган булбулуңар элем, чынбы? Гүлүңөр соолуп, чырагыңар өчүп, булбулуңардын тили катты! Мен бул жашоодон тажап кеттим. Эмнеге дейсиңерби? Бул жашоодо адам болуп жаралган эки аяктуулардын адам деген гана аты болгон менен айбанча акылы жоктугуна жүрөгүм ооруду. Тирүүлүктө ыпластыктын орун алып алганына зээним кейиди. Апа, мен аз өмүрүмдө бир адамды сүйүп калдым, балким муну силер менин акылсыздыгым деп билээрсиңер. Жок андай эмес. Аз жашасам да тирүүлүктүн адам баласына тартуулаган эң аруу, эң назик, ыйык махабат деген бактынын бийик мунарасына чыгып сүйүү деген сезимдин даамын таттым. Кыз болуп калганым өкүнүчтүү, намысымдан улам өз сүйүүмдү билдире албадым, эгер уул бала болсом өз тилегиме жетмекмин! Мен Нурлан деген баланы сүйөм, апа. Ал билбейт, билсе эмне дээр эле, аны түшүнбөйм. Жашоодон тажаганымдын себеби, ойумду ачык айталбай кысынып жүрүп азап чектим. Эгерде менин аны сүйүп калганымды классташтарым билген болсо кандай гана шылдың кылышмак, аны сезип турам. Ошондуктан бул ыплас жашоодон таза бойдон көчкүм келди. Мени кечиргиле атакебайым, апакебайым, көзүңөрдүн карегиндей сактап, үлпүлдөтө үйдө өстүргөн гүлүңөрдүн соолуганына ичиңер ачышып, өмүр бойу көкүрөгүңөрдөн кеткис арман кылаарсыңар. Баары бир мен силер мененмин ата, апа!!! Аруулукту эңсеп учкан көгүчкөнүңөр Салый.

Ата, апа менин акыркы суранычым, дептерди Нурланга бергиле… "

Экөө мелтиреп көпкө отурушту. Анан бири-бирин карап күлүп ийишти, анткени экөөнүн тең көздөрүндө жаш агып турган эле.

- Байкуш Салый шылдың болгонун жазбаптыр ээ? - Нуржан андан озунуп сөз баштады, - Сен анын китебиңе салган катын чын эле окуган жок белең?

- Көргөн эмесмин, - Нурлан дептерди барактап ача баштаганда эле биринчи бети бош экен, андан кийин ачса Нурландын сүрөтүнүн жанына өзүнүн сүрөтүн кесип жабыштырып аны жүрөкчөнүн ичине кооздоп койуптур, алдында сулуу кылып бадырайта:

"Жүрөгүмдүн тереңинде жалгыз сен,

Түбөлүккө сүйүп жүрүп өтөөрмүн.

Аруу сезим ичте калса айтылбай

Сүйүүм үчүн кайырчыдай кезээрмин"

- деп жазып, эки жагына кептердин сүрөтүн тартып канаттарын күүлөгөндөй, талпынып учуп баратканын түшүрүптүр. Андан ары ача берди, сүйүүдөн чаңкаган акактай сезимдеринин гүлдөй жайнап ачылганы, кайрадан соолуп калганы, баары жаратылыштын кооздугу, жүрөктүн канап кыпкызыл канга толгонун өзгөчө көрсөтүп, ар бир бетинде махабаттын улуулугу, тазалыгы бийик жана ыйыктыгы жөнүндө түр калем менен кооздоп жазылыптыр. Нурлан таңгалып: "Менин сүрөтүмдү бул кайдан алды экен?" деп ойлоп жатты. Ачып жатып дагы бир куплет ырга көзү түштү.

"Мен календер, жер кезип сүйүү издеген,

Махабаттын жалынына күйүп денем.

Бул дүйнөдө жеталбасам сүйгөнүмө.

Жүрөгүмө атын катып өтүп кетем".

"Кызык, Салый мени ушунчалык сүйгөн экен, эмнеге мен аны сезбедим? Мен да аны сүйгөн белем? Жок, ойлоочу эмесмин. Анан эмнеге ал мени сүйөт? Сүйүү эки адамда бирдей пайда болгондо гана сүйүү деп эсептелет да. Ал жаштык кылды, жакшы көрүү менен сүйүүнүн айырмасын билбей калды окшойт" деп отурганда Нуржан аны нукуду:

- Кеттик, кеч кирип кетти.

- Жүрү кеттик.

Жолдо келатканда Нурланга Нуржан жылмая карады:

- Кайрат кыл досум, эми Салыйдай сени башка кыз сүйөбү, ким билет?

- Койсоңчу, Салый балалык кылып жаңылышып калды го. Нуржан, сен бул жөнүндө эч кимге айтпа ээ, балдарды билесиң да? - Ага тигиле карап, - Адамдар неге Салый айткандай арам ойлуу болушат? - деди.

- Билбейм дос, сен эч нерседен кабатыр болбо, - Нуржан кадамын жайлата Нурландын ийинине колун койду, - Экөөбүз доспуз, демек сенин сырың - менин сырым!

- Ыраспы? - Нурлан аны күлүмсүрөй карады.

- Ырас айтам, менден кабатыр болбой эле кой?

- Рахмат!.

Экөө кучакташып анан өз жолдоруна түштү. Нурлан иңирде үйгө кирди. Ал кирип келатканда Атыркүл алдынан чыкты.

- Эмне мынча кеч келдиңиз?

- Жумуштар менен…

- Аа-а, сүйгөнүңүзгө кайгырып жалгыз басып жүргөнсүз го? - Атыркүл ага шыбырап, ойнок көздөрүн кадап оң көзүн кысып койуп кирип кетти..

"Шайтан кыз" деп ойлоп алды Нурлан. Ал ойунда дептер менен катты кайда катаарын билбей сумкасын колуна кармаган бойдон туруп калды. Кокус Атыркүл аны көрүп койсо баарына жаяары бышык эле. Акыры өзүнүн кийим-кечеси турган бөлмөгө кирди да эптеп катып чыкты. Ал артынан билгизбей аңдып жүргөн Атыркүлдү байкаган жок. Кийимин алмаштырып анан столго келип отурду. Кечинде чогуу тамактанып жатканда Артур:

- Нурлан окуулар кандай? - деди.

- Жакшы.

- Жакшы оку, буйруса окутам.

- Чынбы? - Нурландын көздөрү жайнап, кубанып кетти.

- Чын, жеңең экөөбүз кеңешип жатабыз, окуп алсаң бакыйган кызматкер болосуң. Эч чөкпөгүн, иним, мен сага жамандык каалабайм, кийин ыраазы болосуң бизге.

- Ыраазымын байке!

- Азыр эрте, убагында айтасың рахматты, - Артур аны далыга таптап койду.

Атыркүл ага астыртан эч кимге байкатпай көзүн кысып койду эле, Нурлан жер карап калды: "Бул эмнеси, Салыйдан бетер бул дагы мени бир балээге кабылтпагандай эле" деп ойлонуп, дасторконго бата кылып туруп кетти. Ордуна барып сабак даярдамак болду эле көз алдынан Салый кетпей туруп алды. Жатып алса да жандүйнөсү жай албай анын ар бир сөзү мээсине кадалып маңдайында туруп айтып жаткандай кыйналып сыртка чыкты. Караңгыда ары-бери басып жүрүп бир топто кирип жатып уктамак болду эле, жыла басып Атыркүл кирди.

- Нурлан байке!

- Оов.

- Уктай элексизби?

- Жок.

- Жаныңызга отуруп турсам болобу?

- Эмнеге, уйкуң келбей жатабы?

- Ий-и.

- Мен уктап бараттым эле…

- Бир азга эле…

- Макул, отура бер, - Өйдө болуп төшөк үстүнө отурду да, - Сүйлө, чоң кыз, - деди.

- Сиз сүйүп көргөнсүзбү?

- Сага эмне кереги бар, али жашсың, бойго жетсең анан түшүнүп аласың.

- Мен баарын билем, ал турсун бирөөнү катуу сүйүп калдым!

- Жок, андай болушу мүмкүн эмес! - Нурлан кыздын оозун баса калды, жүрөгү болк этип, жаш жаны сыздап кетти, - Атыркүл, карындашым, сүйүүнү азыр ойлонбо, азыр сен абдан жашсың, экинчи мындай сөздү мага угузба! - Анын көз алдына Салый келип шурудай тизилген жазуунун ичинен аны карап тургансыды. Көзүнө жаш кылгыра Атыркүлдү бооруна кысты, - Сүйөм дебе, сүйүүнү ойлобо, суранам сенден, карындашым!

- Кантип, мен өзүмдүн сүйүүм үчүн күрөшкүм келет!

- Болду жетишет!.

Нурлан үнүнүн бардыгынча кыйкырып ийгенин сезбей калды. Атыркүл чоочуп ордунан тура калды, анын үнүн уккан Артур менен Шайыр баш багып экөөнү көрүп үрпөйө карап туруп калышты.

- Ата, Нурлан байкемдин классташы өлгөн, ошого капа болуп эле өзүнчө жаман болуп кетти, ошону сүйлөшүп жатканбыз, - Атыркүл ата-энесинин түрүнөн чоочулай жооп берди эле, Шайыр анын жанына келип:

- Чоочуп кетпедикпи балам, байкең капа болуп турганда бөлмөсүнө кирбей койбойт белең? - деди.

- Тур кызым, ордуңа жат, - Артур кызына карап башын булгады.

- Макул, - Атыркүл өз бөлмөсүнө кетти.

- Нурлан, көп капа болбой жүрчү, ооруп каласың, - Артур аны ийинге таптап койду, - Ажал улук деген, ажалы жеткен адам жашпы-карыбы, жарыкчылык менен кош айтышып кете берет, жашоодон буйруганын алып калууга үлгүрүш керек!

- Кайгырган деле жокмун.

Нурлан ордуна жатып алып ары карап кетти, анын көз алдына Атыркүлдүн "Мен бирөөнү сүйүп калдым, сүйүүм үчүн күрөшүшүм керек" дегени тартылып уктай албады, өзүнөн-өзү коркуп жатты.

Убакыт ооруну дарылайт демекчи, Нурлан бара-бара болуп өткөн ишти унутуп калды. Окууга чын дили менен көңүл буруп, сабакты окуй баштады. Окуучулук мезгилдин ойноок кыялдары өспүрүмдөрдү сүйүүгө азгырып, кыздарга кат жаздырып, шатыра-шатман өтүп жаткан менен Нурлан мындайдан таптакыр алыс. Кээ-кээде гана Кайыргүлдүн жылдыздуу жылмайганын, көздөрүнүн мээрим чача күлмүңдөгөнүн көз алдына келтирип өзү да жылмайып алат. Кыш келип суук боло баштаган, сампарлаган кар кайкып учуп, жел менен кошо алда кайда адамдын ойун жетелегенсийт. Нурлан жер карап Кайыргүлдү эстеп, улам эки жагын карап эргип келаткан. Кышкы каникул болуп зеригип басып жүргөн эле.

- Кандайсы-ың? - деген үндөн башын көтөрө койсо Кайыргүл туруптур.

- Оо-ой сенсиңби? - Нурлан эмне дээрин билбей кубанычтуу кыйкырып ийди, - Качан келдиң?

- Каникулда чоң энеме келгемин, сени үйүңө барып сурасам жок дегенинен кетип жаткам.

- Жакшы болгон тура, өзүм да зеригип турдум эле.

Экөө кол алыша көпкө сүйлөшүп туруп калды.

- Нурлан, Салыйга жаман болгон тура, ээ? - дегенде, Нурландын жүрөгү тыз этип сайгылашып кетти:

- Жаман эле болду, эмнеге ошого жеткенин билбейм.

- Сага бир нерсе таштаптыр дешти го?

- Эмне, ким айтты?

- Кыздар. Билесиңби Нурлан, мен сенин классташтарыңды бүт тааныйм, бул жерге бир аз окуп кеткем да, жашырбай койсоң да болот, - Кайыргүл аны жылмая суроолуу карады.

- Ооба, демек уккан экенсиң да, жөнөкөй эле дептер экен…

- Эмнелер жазылыптыр? - Баарын билгиси келгендей, Кайыргүл дилгирлене сурап жатты, анын балалык сезими, жан дили менен сүйгөн жүрөгү тынчсызданып, Нурланды кимдир бирөөлөрдөн кызгангандай түр көрсөттү, - Айтсаң, Нурлан?

- Эч нерсе Кайыргүл, болгону ал мени сүйгөнүн жазыптыр. Мен эч нерсе билбейм. Чынында сүйүү деген эмне экенин билбей туруп эле өзүн-өзү өлтүрүп алды, мен аны сүйгөн эмесмин да?

- Кызык..

Кайыргүл ойлуу туруп калды, экөө бир азга бирге басып жүрүштү. Кар жаап жаткан менен күн ным тартып анча суук эмес эле. Кайыргүл колдорун оозуна такап үйлөй баштаганда Нурлан анын кол кабын алып таштап колун жылытып жатты.

- Колуң ысык экен, үшүгөн жоксуңбу?

- Жо-ок үшүгөн жокмун, сен үшүкчөл турбайсыңбы? - Нурлан анын жүзүнө тигиле карап сүйкүмдүү жылмайып койду.

- Мен эшикке чыксам эле үшүп кетем, - Кыз ага ыктай кыналып турду.

Нурлан кыздын деминен улам жүрөгү бат-бат кагып калтырап эки жагын каранып бирөөлөрдөн корунуп турду. Кантсе дагы айылдык жаш улан тартынып да, сүрдөп да жатты. Кайыргүл болсо ушул көз ирмемдик жигит деминен ырахат ала көзүн жумуп өзүнүн колун кармалаган жигиттин колунун назиктигин, жылуулугун сезип бакытка тунуп турду. Эх чиркин, жаңыдан жетилип келаткан кыз-улан бири-бирин чын жүрөктөрүнөн сүйүп турса да ачык айталбай үнсүз сүйлөшүп, үнсүз махабаттын улуулугун сезип турду.

- Нурлан, - деди бир топтон кийин Кайыргүл, - Мага Салыйдын дептерин көрсөтөсүңбү?

- Макул, - Нурлан дароо эле макул болду, анткени ал Кайыргүлдөн эч нерсе жашырууну каалаган эмес, - Мен азыр… - деп жөнөгөндө:

- Сен кайда? - деди Кайыргүл таңгала.

- Токтой тур, мен азыр эле алып келем.

- Ушул жергеби?

- Ооба, күт мени, - Нурлан жүгүрүп көчө бойлой он чакты үй арыдагы үйгө жетип, койгон жеринен дептерди издей баштады. Кийимдерин чачып таппай жатты: "Кайда кетти, ушул жерге эле койбодум беле?" деп ал кайра издесе да жок. Ошол кезде босогого жөлөнүп Атыркүл турган эле.

- Эмнени издеп жатасыз? - Ал сырдуу жылмайып койду.

- Бир нерсе…

- Айтсаңыз, мен таап берем!

- Сен… сен алдыңбы? - Кара терге түшкөн Нурлан ага ачуусу келе карады, - Менин буйумдарыма тийбей жүрбөйсүңбү?

- Көргөн жокмун, эмне экенин айтпайсызбы?

- Дептер, жөнөкөй эле дептер?

- Аа-а, андай болсо издешип койойунбу?

- Кайдан, кайдан издейсиң? Эгер алган болсоң бер азыр, керек мага, - Нурлан аны жиндене караган менен чаап, же уруша алмак эмес.

- Мына булбу? - Атыркүл күлө артына бекитип турган дептерди көрсөттү. - Бул жөнөкөй дептер эмес го?

- Бер дейм, аны эмнеге алдың?

- Окуп көрөйүн дегем.

- Окуганга кандай акың бар? Сен али жашсың, мындайды окуганга болбойт!.

Ошол убакта Шайыр келип калды:

- Силерге эмне болду?

- Эч нерсе, Атыркүл менин тийбе деген буйумумду алып алыптыр, ага тийбе деп айткам да… - Нурлан Атыркүлдүн колунан алган дептерди артына беките күңкүлдөдү.

- Сен байкеңдин буйумуна тийбе да, бөлмөсүнө баш бакпа дебедим беле?.

Шайыр кызын жемелей ары алып кетти. Нурлан шашып сыртка чыгып Кайыргүлдү издеп таппай калды. Көрсө арадан эки сааттай өтүп кетиптир, ал үшүгөнүнө чыдабай кетип калган экен. Шашкалактаган Нурлан анын үйүнө жөнөдү, аралыгы бир топ эле, күйүгө жүгүрүп келип дарбазасын каккылады. Көптө барып эшикти карыган кемпир ачты.

- Сага ким керек, уулум?

- Кайыргүлдө жумушум бар эле…

- Аа-а, ал азыр эле үшүп келди. Кир, кире гой, - деп эшигин чоң ачып колун жаңсады. - Азыр анын бөлмөсүн көрсөтүп койойун, - Кемпир анын алдына басып баратып, - Кайыр, ээ Какин, сага бир бала келди, чыга калчы? - деди.

Ошондо үстүңкү кабаттан үстүнө жеңил халат кийген Кайыргүл жүгүрүп чыкты:

- Нурла-ан, сен келдиңби? - Көздөрү жайнап кетти, - Мен сени алдап кетип калды го деп ойлогом.

- Кантип, мен дептерди издеп таппай жаттым.

- Мейли, кел менин бөлмөмө, чогуу көрөбүз, - деп аны колдон ала үстүнкү кабатка алып барды, - Сенден такыр эле түңүлүп калгам. Жаман ойлоп жибергенимди кечирип кой, ээ?

- Жо-ок Кайыргүл, эшик суук, үшүп калдың го? - Нурлан жайланып отургандан кийин дептерди Кайыргүлгө берди.

Ал ала салып көпкө тиктеди, анан андан ары барактап жатып ыйлап жатты. үндөбөй солуктап ыйлап отуруп, анан:

- Байкушум десе, экөөбүз абдан ынак элек, бирок мага эч нерсе айтпаптыр да. Көрсө эч жанга айткыс сыр болот турбайбы? - деди көз жашын сүртө.

- Туура айтасың Кайыргүл, жан адамга айтпай турган сыр болот, ал жүрөк түпкүрүндө гана сакталат.

- Чын эле, а сенин дагы эч кимге айтпаган сырың барбы, Нурлан?

- Бар, ал менин өмүрүмдө жүрөккө так салган өкүнүч, арманым эч кимге айтылбаган сырларым. Балким кийин-кийин адам болуп калсам балдарыма айтышым мүмкүн.

- А магачы? - Кайыргүл аны жалжылдай карады.

- Жок, айтууга болбойт.

- Өзүң бил, - Кайыргүл таарынгандай ары бурула берди, - Сен мени менен сүйлөшкүң келбейт тура.

- Таарынбачы Кайыргүл, мени кыйнабачы!

- Эмнеге, мени менен сүйлөшкөндө кыйналып каласыңбы? - Жаштуу көздөрүн көрсөткүсү келбей ары караган бойдон үн катты, - Мен сени.

- Кайыргүл, эмне деп жатасың?.

Нурлан ордунан тура калганда кары кемпир баш багып:

- Чай ичип алгыла, балдарым, - деди да кайра кетип калды.

Кайыргүл көзүнүн жашын аарчып күлө карап аны колтуктап алды:

- Чоң энемдин чайы даяр экен, жүрү чай ичебиз.

- Макул.

Экөө ээрчише ылдый түштү да ашканага кирип дасторконго отурушту.

- Балам, кимдин баласысың? - Эне Нурланга карай суроо узатты.

- Айбектин.

- Кайсы Айбек?

- Ылдыйкы көчөдөгү Бообектин иниси.

- Аа-а кагылайын, билбейт окшойм, тааныса тааныйт чыгам, карылыктыкы го, унутуп калчу болдум.

- Чоң эне, ушу карыган кишилердин сурай бергени жакпайт, кимдин баласы экенин эмне кыласыз? - Кайыргүл чоң энесин мурчуя карады.

- Алда-а каралдым ай, киши болгондон кийин сурайсың да, адам адам менен гана адам.

- Кайыргүл, энемди капа кылба да, сураса эмне болмок эле? - Нурлан Кайыргүлдү карады, - Эски кишилер сурап-сурап тууган чыгып калышат да.

- Койчу, ошондойдун эмне кереги бар? - Ал Нурланга карады, - Сенин ата-энеңди сураганда эле бирдеме чыга калабы?

- Ошентсе деле… - Нурлан ордунан турду, - Эне сизге рахмат, мен барайын, кеч болуп калды.

Кайыргүл кошо чыгып узатты.

- Кайыргүл, дептерди окусаң оку, кетээрде таштап кетесиң да?

- Макул, чынында кызыгып көргүм келген, мага кереги деле жок дечи.

- Окуп көр, жакшы тур анда.

- Жакшы бар!.

Экөө коштошуп бири жолуна түштү, Кайыргүл үйүнө кирип дептерди окуганга шашып бөлмөсүнө жүгүрдү.

Нурлан ойлуу басып шашпай келсе Артур аны издеп жаткан экен. Үйүндө коноктор көп. Көкжал атанган лөкүйгөн кыйыны кошо келиптир. Ага шериктери он жети жашар Нурлан жөнүндө айтышканда ишенбей: "Болбогон сөздү сүйлөйсүңөр да, чычкак бала кайсыны билмек эле, өзүңөр алданып калгансыңар го?" деп атайы келген экен. Артур аны ээрчитип киргенде эле каштары жыйрыла, өңү түктөйө түштү. Канчалык бала болсо да Нурлан абдан сүрдүү, бир караганда адамды апкаарыткан сапаты бар эле. Салам айтып жаш болсо да ушу адамдардын үстүнө сөөлөт кармап кирди. Негизи өтө токтоо да, чоң кишидей салмактуу жүрүшү Нурланды бир топ азап тартканынан го деп ойлошчу билгендер, билбей бир көргөндөр ага абдан таң калып тамшанып калышчу.

"Кысталак, жолборс сүрдүү бала тура, кезинде тиги илбирстин ордун алчу неме экен" деп Көкжал копшонуп койду да саламга алик алып тим болду. Ар кайсыдан кеп кылып кимди жыкканын, кимден жыгылганын сүйлөп отурушту. Адатта дайым эл тынчып калганда түнкүсүн ойношчу. Көкжал бу жолу куру кол кайтаарын сезип эле турса да Нурлан менен күч сынашкысы келип ойнобойм деген Нурланды чакыртты:

- Ээ Артур, тиги иниңди неге кошпой жатасың? Мен атайын ат арытып алыстан келдим, жаш болсо да атын алыстан уктум, чакыр бир көрөлү.

- Ал азыр жаш, анын үстүнө мектепте окуйт, угулуп калса окуудан чыгарып койот, жазда сиздер жакка барсак ошондо ойнойт, - Артур алакан жая жылмайды, - Өзүм турбаймынбы?

- Болбойт, сени менен далай жолу чабыштык, атыштык, бүгүн Нурлан менен сынашам!.

Көкжал мойун бербей туруп алганда эшик, терезелерин бекитип алып Нурланды отургузду. Кезек менен чүкөнү калчап жатышты, ортого үйүлгөн акча, жүз элүү миңди чыгарып тобокелге салган Көкжал. Эки көзү Нурланда болуп турду. Артур кыпылдап сүрөп жатты. Үч-төрт жолу тегеренген менен эч кимисине түшпөдү. Кезек Нурланга акыркы жолу келгенде ал көзүн жумуп бирдемени шыбырагандай болду, анысы тигилерге дуба окуп жаткандай сезилди.

- Дарткем! - деди.

Ойунчулар үнсүз бири-бирин карап туруп калышты, чүкөнүн үчөө алчы, бирөө чик болуп калды эле дым болуп калганда ойунду кайрадан улантууга киришти.

- Дарткем! - деп бакырды Көкжал.

Анда да жеңүүчү аныкталбады.

- Дарткем!.

Улам бири чүкөнү чыныга салып алып калчап отуруп, кезек дагы Нурланга келди. Артурдун чыйпыйы чыгып жатты, сыртынан билгизбеген менен баары "ортодогу акча кимибиздики болот?" деп өз ичтеринен кудайга жалынып жатты. "Качкан да, кууган да кудай дейт" деген сөз бар эмеспи. Кезекти алган Нурлан мурдагыдай ойлонбоду, чыныны ары-бери чайкап чүкөлөрдү аралаштырды да:

- Дарткем! - деп серпиди эле, төрт чүкө атайылап тизгендей алчы түшүп калды.

- Оо!

- Азамат!

- Колдоочуң күчтүү экен, бала!

- Шумдук, - дешип күүлдөп жатты чотур аңдып отургандар.

Ойунчулардын эч кимиси үндөгөн жок.

- Азамат, жолборс экенсиң, бала, - деди Көкжал. - Ал, бул утуш сеники болду, эч тартынба, эмгек сеники!

- Ыраазысызбы? - Нурлан ага жалт карап сурап койду да, акчаны өзүн көздөй тартты.

Адатта утулса кайрадан утуп алуу үчүн күчөнө ойноочу эргулдар бул жолу анткен жок. Айрыкча Көкжал: "Бул бала отурган жерде эч кимдин жолу болбойт, бул оңой бала эмес" деп ойлоп турду. Артур аларды коноктоп жакшы узатты. Бирок айыл эли мындайда узун кулак болоору анык го, эл ичинде күбүр-шыбыр сөз пайда болду.

- Баса Артурдун үйүндөгү бала кумар ойнойт дейби? - деди бир күнү эки кошуна сүйлөшүп турганда бири.

- Ошондой дейт го, ал ошол үчүн аны үйүнө батырып жүрөт да, пайдасы болбосо бир күн токтотпой калсын.

- Кумарды өзү үйрөткөн да, эч жерде иштебей эле жалаң кумар ойноп мал күтүп, заңгыраган үй салды, анан да кумарды укмуш ойнойт дешет го?

- Анысын ким билсин, жетим баланы кумарга көндүрүп бекер кылыптыр, - дешип билип билбей көбүртүп-жабыртып жатышты.

Бул сөз мектептин директору Абды Сариевдин кулагына жетти. Ал ошол эле күнү Нурланды кабинетине чакыртып алды.

- Агай чакырдыңызбы? - Нурлан босогодон баш бага сурады.

- Кир, Садыров, кире бер, - деди директор ага карап.

- Кана Садыров, өзүң айтчы, сен кумар ойнойт экенсиң, андай болсо сени окуудан чыгарабыз.

- Агай, ким айтты? - Нурлан агайын таңдана карады.

- "Укпайт деп ууру кылба" деген сөз бар, элдин көзү көрөгөч, алакандай эл ичинде эмне болуп жатканы белгилүү да. Биринчи жолу кечирип койойун, эгер дагы уксам окуудан чыгарып койууга туура келет.

- Кечирип койуңуз агай, андай болгон эмес, болбойт дагы, - Нурлан шек билгизбей, калп деп далбастап калбай бир калыпта туруп жооп бергенде директор ага ишенип калды.

- Болуптур бара бер, - деп койду ал жөн гана: "Бул адам болчу бала, өтө уруша бергенде болбойт, өзү жетим болсо катуу айтканым болбос" деп карап кала берди.

Ошондон кийин классташтары дагы аны тамашалап: "Кумарчы" дешчү болду, бирок ага Нурлан терикпеди, чычалабады, эмне деп жатасың дегендей маңыроо мамиле кылып тоотподу. Ошондо гана ал келип түштөнүп отурганда:

- Байке, элдин баары эле мени кумарчы деп алышыптыр, - деди кабак бүркөй.

- Ким айтыптыр, өзүңдүн оозуңдан чыккан жок беле? - Артур кайра өзүнөн сурады.

- Жок, мен айтып жинди эмесмин да?

- Анда кам санаба, - деп койду Артур.

Нурлан ага директордун айтканын да айтты. Эртеси Артур директорго барып жолугуп койду. Ошондон кийин ал жөнүндө сөз болбоду. Артур ага эмне дегени, кантип оозун жап кылганы эч кимге белгисиз. Нурлан андан кийин ойногон жок. Артур ага үйдө болгондо карта ойногондун ыкмасын да үйрөттү. Адеп картаны көргөндө эле анын көзүнө жети карга көрүнүп кыйналып жүрдү. Кыскасы андан кийин далай жолу кирешелүү болуп да, уттуруп да жиберген учурлар болду. Артур аны анча-мынча ойунга киргизчү эмес, чоң ойунга салчу. өзү уттуруп койсо Нурлан сөзсүз аны кайтарып алат. Он биринчи классты бүтүп жатканда Нурлан ого бетер бой тартып, керилген жигит болду. Классташтары ага суктанып да, көрө албай ичи күйгөнү да болду. Анткени ага ашык болгон кыздар көп эле. Акыркы коңгуроодо Гүлира деген кичинекей ак бантикти барпайта тагынган кызды көтөрүп алып коңгуроону Нурлан какты. Ал бүтүрүүчүлөрдүн алдыңкысы болгон. Гүлираны жерге койо койсо маңдайында Кайыргүл менен бир салабаттуу адам турган эле. Көрсө Гүлира Кайыргүлдүн сиңдиси экен. Кайыргүл сиңдиси менен Нурлан экөөнө тең гүл берип куттуктады.

- Куттуктайм! - деп бетинен аста өөп да койду.

- Рахмат, - деп Нурлан ага карап жылмайып алды.

- Нурлан, бүгүн меникине барасыңбы?

- Эмнеге? - Нурлан анын атасынан жазгана сурады.

- Унутуп калдыңбы, туулган күнүмө барган элең го? - Кайыргүл жасана кийинип өзүнө жарашыктуу, алгачкысындай бырс күлүп койду.

- Андай болсо сөзсүз барышым керек экен.

- Жарайт анда, күтөм!.

Кайыргүл аны сырдуу карап койуп басып кетти. Экөө сүйлөшүп жатканда атасы ары басып бараткан. Нурлан Кайыргүлдү артынан карап туруп: "Сөзсүз барам, барганда дагы жүрөгүмдү тынч алдырбай келген сүйүүмдү айтам, кандай кабыл аласың, жал-жал көзүм?" деп өзүнчө толкунданып алды.

Кечинде Кайыргүлдүкүнө келсе улан-кыздар бар экен. Ырдап-бийлеп көпкө отурушту. Нурлан бир айласын таап өз сүйүүсүн кызга айтууга ашыккан менен даай албай турду. Бир кезде ал сыртка чыкканда Нурлан артынан чыкты да сүйлөшүп турушту. Негедир кыз алдында өзүн ушунчалык алсыз сезип, оозунан сөзү түшө, көкүрөктөгү сөзүн айталбай турганда ары жактан дабыш чыгып калды. Нурлан шашып: "Сөзсүз бүгүн айтышым керек" деп кайраттана:

- Кайыргүл…

- Айтчы, айта бер Нурлан, - Кыз да андан өзү күткөн сөздү уккусу келип ого бетер шаштырды, - Чоң энем көрүп калса урушат, чоңойгон кыздын чоочун эркек менен караңгыда бирге турганы уят деп көп айтат.

- Кайыргүл, мен сага бир сөз айтайын деди эле.

- Айтпайсыңбы?!

- Кайыргүл… - деп эми айтмак болгондо артынан жөтөлгөн болуп атасы көрүндү.

Нурлан там айлана басып кетти. Кайыргүл болсо кирип кетти. Ошол бойдон сүйүүсүн айталбай калды. Анткени Кайыргүлдү ала качмак болуп аңдыгандарды угуп калган атасы аны кайтарып сыртка чыгарбады. Ал курбуларын үйдөн гана узатып кала берди. Нурлан ичтеги сырын, ага арнаган ак сүйүүсүн, арзуу тилегин айталбай үйүнө көңүлсүз келди. Артур аны куттуктамакка күтүп отуруп, келбегенинен жатып калышкан. Түн ортосунда шырп алдырбай акырын кирип ордуна жатты. Эртеси күн тийгенде ойгонуп тура албай жатса Артур кирди:

- Чоң жигит, мектепти ийгиликтүү бүтүшүң менен! - деп эңкейип бетинен өпкөндө, Шайыр:

- Куттуктайм, мындан аркы жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун, - деп, берки бетинен өпкөндө эрксиз Нурландын көзүнө жаш тегеренди: "Өз ата-энем болсо да ушинтмек, Бообек атам тирүү болгондо кандай сүйүнөт эле! Супакан апам бир келип үйгө жүр деп койгон жок, демек мени өз баласындай көрбөсө да көңүлүмө карап, жакшы сөз айткан адамдарга өлгүчө кызмат кылышым керек" деп өйдө болуп:

- Ыраазымын сиздерге, ыраазымын! - деп ийди.

- Мурдуңду урайын десе, жашып кеткен тура, сага канча айтам, биз тууганбыз деп, - Артур аны бооруна кыса далысынан таптады, - Жашык болбо, сен эми турмуш жолуна түшүп жашоо үчүн күрөшүшүң керек!

- Сөзсүз, менин ойлогонум да ошол, - Нурлан жер карай ишенимдүү сүйлөдү, - Мага кайрат, күчтү сиздер гана бердиңиздер, Бообек атамдан кийинки жакшы айткан сиз гана болдуңуз.

- Келгиле, тамак даяр болду, - Шайыр үн сала чакырды.

Эки уулу окуудан тарап уктап жаткан. Чогуу отуруп тамакка жаңы отурушканда Атыркүл эшик тыкылдаганынан чыкса Супакан туруптур: Ал үйгө кирип эле:

- Өлүгүңдү көрөйүн куу жетим, элге шерменде кылып үйдөн качканын кантесиң! Боор көтөрүп чоңойуп, боктон арылып алгандан кийин ушул экен да, - деп каргап-шилеп кирди.

- Ой жеңе, сизге эмне болду, жай отуруп сүйлөсөңүз боло, - Артур ага ачуусу келип турса да жай айтты.

- Ооба, жай отурганда эле укмуш болуп кетээр! Бузуп жарып жаш баланы үйүңө азгырып киргизип алып малыңды бактырып, ишиңди жасатып оңуп калган экенсиң! - Супакан айкырып койо берди.

- Жеңе ушунуң кантип болсун, андай күйүп кетсең окутуп адам кыласыңбы, алып кет! - Артур ачуулана ага колун шилтеди.

- Окуганда чилистен болмок беле, азыр алып эле кетем, - деп Нурланга карады, - Ой бала, басасыңбы же жокпу?

- Мен эч жакка барбайм! "Жетим, шүмшүк" деген сөздөн кутулуп калдым билсеңиз, мен эми жаш бала эмесмин.

- Омээй, муну кара ой, киши болуп калдыңбы?

- Ооба, жакшы мамиле, жылуу сөз мени адам кылды! - Нурлан сыртка чыгып кетти.

Супакан оозуна келгенин сүйлөп алкынып, жер-жеберине жетип дарбазадан чыгып жолдо баратып да сүйлөнүп баратты. Нурландын жүрөгү ооруду, көңүлү калып, жандүйнөсү тарыды: "Неге аялдар ушундай болушат? Жок-жок, бир гана Супакан апам ушундай, Шайыр жеңем, Асылкүл жеңемдер кандай мээримдүү. А менин апам кандай аял болду экен? Ал деле мээримсиз болсо керек, болбосо мени жетим дедиртип таштап кетмек эмес" деп ойлоп басып жүргөндө Артур анын көңүлүн жубатып жанында турду. Пенде ар түрдүү, беш кол бирдей эмес деп бекеринен айтылбаса керек. Эгерде Нурландын пайдасы болбосо бул да аны жанына жолотмок эместир. Ойу ордунан чыгып, бала туруп турган турпаты сөөлөттүү, кылган иши, ар бир ишти илгиртпей аткарганы, анан дагы үйрөткөндү так эсине тутуп, жолдуу болуп, киреше алып келгени аны Нурландан көптү үмүттөндүрүп, анын арты менен өзү да байлыкка тунгусу келген. Бирок Артурда адамгерчилик сапат бар эле, калыс ойунан жанган жок, ошол жылы окууга жиберди, эч нерсени аяган жок. Нурлан окууга өтүп студент болду, бирок ар бир жолугушууда аны ойунга чакырып койот. Нурлан эми баш тарткан жок, анткени ага акча абыдан керек эле. Акыркы жолу ойунга катышканда Нурлан ал жерге кыздардын келгенин көрүп таңгалды: сулуу-сулуу кыздар чылым чегип, лөкүйгөн адамдардын ийнине колун койо жанында отурушат. Артур байкесинин дагы жанында бирөө бар. Нурлан алардан кысынып отурганда, Көкжал:

- Ээ балакай, эми жигит болуп, баралыңа келип калыпсың, эми сага бир кыз керек? - деди ага сырдуу жылмая.

- Жок, мага кереги жок, - Нурлан уялып жер карады.

Ошол кезде Артур сыртка тигил аял экөө чыгып кетти.

- Кереги жок болчу беле балакай, кызыктын баары, ырахаттын баары ушул кыздарда да! - деп жанындагы кызды кучактап койду эле, ал аны жан-алы калбай өөп, сылап-сыйпап кирди. - Кел чылымдан тартып үйрөн, бул да өзүнчө ырахат. Жаш кезде жанып-күйүп, жарыкчылыктын берген тартуусунан куруу калбай пайдаланып кал, бул бир келчү өмүрдө эмнелер гана болбойт! - деп чылым күйгүзүп сунду.

- Жок чекпейм!.

Нурлан ордунан туруп, коңшу бөлмөгө кирип кетмек болду эле: "Жаным, сагынып кеттим, бол эртерээк!" деген үндү угуп тык токтоду. Көрсө Артур селкиси менен ошол бөлмөдө жыргап жаткан экен. Нурландын артынан бир сулуу кыз кошо чыгып келип артынан кучактап:

- Сулуу жигит, таанышып албайлыбы? - деди.

- Таанышуунун кереги эмне? - Нурлан артына бурула берип такыр көрбөгөн, бойонуп алганы менен өзүнүн сулуулугу ашыкча көрүнгөн узун бойлуу кызды көрүп апкаарый түштү. Ал ойунда үйдөгүлөрдүн биридир деп ойлогон эле.

- Таанышуунун жакшы жери бири-бирибизди жакындан тааныйбыз, ар дайым бирге болобуз, - Кыз каштарын кере ага ыктай калды. - Же сизге мен жакпаймбы?

- Жок-жок… - Нурландын денесин майда калтырак басып, чекесинен чылпылдап тер чыгып кетти.

- Кел, менин атым Сайрагүл, жөн гана Соня деп койсоң болот, - Ал колун сунду.

- Нурлан.

- Жакшы анда, мурда кыздар менен өбүшүп көрдүң беле?

- Жок.

- Анда бала эле бойдон экенсиң. Жүрү сыртка чыгып бир аз сейилдеп келели.

Сайрагүл андан жооп күтпөй эле сыртты көздөй басканда Нурлан аны карап туруп калды: ипичке бели, түптүз буттары, артына төгүлүп далысын жапкан капкара чачы уланды кызыктырбай койгон жок. Кыз дагы өзүнө ишенгендей артына кылчайып койбой каалгый кетип жатты: "Өзүң келесиң, эркек болсоң кызыкпай көр, далай эркекти артымдан ээрчиткемин" дегендей кербездене басып босогодон чыгып кетти.

Бул кызды атайын алып келишкен эле. Нурлан үндөбөй көпкө турду да кандайдыр бир күч аны кыздын артынан жетеледи: "Кайыргүл кайда болду экен, мени эстейби? Бир жолуксам болот эле" деп улутунуп алды. Ал сыртка чыкса Соня чылым чегип туруптур. Күңүрт көрүнгөн эшиктин алдында кыска юбкадан көрүнүп турган аппак сандары, узун буттары аны бир башкача көрсөтүп, Нурлан анын жанына жакын барганын да сезбей калды.

- Нурлан, аялдарга бардың беле?

- Эмне? - Бул сөз ага өөн угулду.

- Жинди десе, аялдарга бардың беле деп жатам! - Соня каткыра күлүп аны көкүрөккө нукуп койду. - Сендей жигиттер мектептен эле окуп чыкчу эле го, өзүң келбеттүү жигит экенсиң, далай кыз-келиндин көзүн күйгүзгөндүрсүң.

- Жок, андай болгон эмес.

- Анда сени өзүм үйрөтөм!.

Соня аны кучактап алып оозуна оозун алпарып, адегенде назик, анан берилип соруп кирди. Нурлан тартынып, андан бойун ала качып жатты.. .

Ошондон тартып Нурлан кыздар менен көңүл ачканга үйрөндү, бирок чылым тартканды, ичимдик ичкенди ойуна да албады. Ойунга катышып Артур экөө бирдей утушка ээ болуп, кээде жеңилип, убакыт өтө берди. Канчалык эстеп, кыялданган менен Нурлан Кайыргүлдүн үйүнө барып, ал шаарда окуп жатканын укту. Үмүтү жанып толкунданып, Нурлан шаарга окуу башталардан мурунураак жөнөп кетти: анын эң асыл максаттарынын бири өз сүйүүсүн, Кайыргүлдү эңсеп жаткан. Аңгыча ары жактан Нурланды жылмая карап колуна бажырайган кыпкызыл розаны алып, жанында узун бойлуу жигитти колтуктап келе жаткан кызды көргөндө анын жүрөгү тыз этип алды:

- Нурлан, кандайсың? - деп Кайыргүл жайдары күлө колун сунду, - Бул Азиз, - Нурлан экөөнү алмак-салмак карай, - А бул менин айылдашым.

- Аа-а жакшы. - Нурлан экөөнү карап жылмайууга аракет кылды, - Өзүң кандай…

- Эң сонун! - Кайыргүл кубанычтуу күлө карап, - Нурлан, бул менин келечектеги жолдошум болот!

- Жакшы-ы… - Нурлан башын ылдый кыла оозуна сөз кирбей мукактанып калды.

- Биз жакында үйлөнөбүз, - Азиз кошумчалап койду, - Анда биз кеттикпи? - Кайыргүлдү карады, аны колтуктап алганына Нурландын ичи ачыша түштү.

- Ази-из, сен бир азга машинага бара тур, Нурлан экөөбүздүн сөзүбүз бар эле, - Кайыргүл жигитине эркелегендей түр менен карап, - Кызганбай эле гой, биз бир айылда өскөнбүз, бир туугандай мамилебиз бар.

- Макул Кайыргүл, мен зеригип кетем, тезирээк, мейлиби? - Азиз кызды жаагынан аста өөп койуп ары басып кетти.

- Нурлан, жолукканың жакшы болбодубу, мен сага баягы дептерди кайтарып бермек элем.

- Кайыргүл, мейли, дептер эч нерсе эмес, өзүң жөнүндө айтчы, бул жигитиң менен канчадан бери сүйлөшүп жүрөсүң? - Нурлан адегенде эле ушинтип сурап жиберип, кайра өзү жаман абалда калды: "Сүйгөнүңдүн жанында бечара болуш жаштар арасында боло берет, бирок сүйүп турсаң да сүйөм деп айтыш оор да" деп ойлонуп ага жалооруй карады.

- Билесиңби Нурлан, ата-энем өздөрү таап, мени Азизге бергени жатат, - Кайыргүл заматта жаркылдаган мүнөзүн жоготуп сумсая калды, - Мен алардын сөзүн аттап кете албайм.

- Деги өзүң аны сүйөсүңбү?

- Билбейм, сүйүү жөнүндө угуп, окуп жүрөм, бирок чыныгы сүйүү эмне экенин билбейм!

- Сүйүүнү билбей туруп, жүрөгүң каалайбы же жокпу, тагдырыңды тобокелге салып жатасыңбы?.

Нурлан күйүп-бышып колдорун серпе сүйлөгөндө Кайыргүл аны карап каткырып ийди:

- Нурлан сага эмне болду?

- Мм, - Нурлан ыңгайсыздана туруп калды.

- Айтчы, эмнеге мынчалык жиндене сүйлөдүң, айтсаң? - Кыз көздөрүн күлүңдөтө жигитти маанилүү сөз күткөндөй тигилди, - Эмнеге күйүп-быштың, менин тагдырымдын сага тиешеси канча?

- Кайыргүл, кечирип койчу, мен, сен өзүң аны сүйөсүңбү деп сурайын деп эле…

- Сүйөсүңбү дегиң келдиби, Нурлан? - Кыз сумсая түштү, - Кыз сүйүүсү арзыбаган кеп, өзүң сүйгөнгө эмес, өзүңдү сүйгөнгө үйлөн дегенди билесиңби?

- Деги эмне десем, деги бирөөнү сүйдүң беле?

- Сүйгөм, бирок ал мени сүйгөн эмес, сүйөбү же сүйбөйбү билбейм… А сен бирөөнү сүйүп көрдүң беле?

- Мен, мен.. . .

Нурлан аны карап өз сүйүүсүн айтууга белсенгенде Азиз басып келип:

- Кайыр, биз кечигип жатабыз, - Нурланга карай, - Нурлан, эгер мүмкүнчүлүгүң келсе биздин той жыйырма бешинде болот, келээрсиң? - деди.

- Аа-а, сөзсүз келем, - Нурлан ичтеги сөзүн айталбай нааразы болгон түрдө Кайыргүлдү карады, - Кош эмесе, жакшы баргыла! - дегенде Кайыргүл колун көтөрө Азиздин жетегинде кетип жатты.

Көздөрүндө кылгырган жашты Нурлан байкады, бирок унчукпай телмире узатып кала берди: "Неге ушул кыздын алдында өзүмдү алсыз байкуш сезе берем? Болбосо алда качан айтышым керек эле. Кайыргүл кайдыгер эмес, али да болсо кеч эмес, мен аны сөзсүз жолугуп ансыз жашай албасымды айтам" деп жолуна түштү.

Үчүнчү курска келгенде сырттан окуу бөлүмүнө которулуп алды. Артурдун айтуусу бойунча үйдү өзүнө жаздырып, ичине керектүүлөрдү киргизип болгондон кийин, Артур:

- Нурлан, эми бой жеттиң, үйлөнүшүң керек! - деди.

- Байке…

- Жок, минтип жүргөнүң болбойт! Айт, сүйлөшкөн кызың барбы?

- Жок, - Жер карап күңк этип койду.

- Анда биз өзүбүз табабыз, өзүм кепке калбагандай болушум керек. Сени быйыл үйлөнтөм, керектүүнү Шайыр даярдап койот, күздө киргизебиз. - Артур сөз бүттү дегендей бүтүм чыгара сүйлөдү, - Ага чейин өзүң да караштыр.

- Макул, мен эртең шаарга барып келейин…

- Өзүң бил, эгер шашпасаң үч күндөн кийин мен да барам, чогуу кетели.

- Мейли анда.

Нурлан: "Жыйырма бешине чейин эки жума бар, бул убакыт аз, бирок Кайыргүл каршы болбойт" деп ойлоп, ойунда кызга жолукмак болуп атты.

Айткандай эле шаарга барып бул жолу карта ойунуна катышты. Ойун абдан кызуу өтүп жатты. Сыртка эки-үч жигитти койуп койушту да, ойун улантып жатты. Бирок Нурлан жети карганы көрсө эле жаман абалда калат да, ортодогу үйүлгөн акча, алтын буйумдарды ойлогондо баарына кайыл болуп кетет. Ошончо ойноп жүрүп жети карга бир да жолу колуна илинген жок. Жолдуу болуп, утушту өзү алып келди. Жашыруун ойнолгон ойундар ага киреше берип турганда адам дүнүйөгө азгырылып кетээри бышык го? Уткан акчаларын Артурга кошуп берип, өзүнө керектүүсүн ченеп алды да, Кайыргүлдү издеп жөнөдү. Аны окуу жайдан таппай бирөөсүнөн сурады эле:

- Ал бүгүн келген жок. Эртең келсеңиз, - деди.

- Өзү окуп жатабы?

- Ооба, - Кыз жал-жал карай ары басты.

- Сиз анын үйүн же жашаган жерин билбейсизби, чоң кыз? - Нурлан кетип жаткан кыздын артына үн салды.

- Билем, - деди кыз токтой калып. Нурлан ага жете келип:

- Атыңыз ким чоң кыз, таанышып алсак болобу? - деди.

- Айзада, - Кыз күлүп койду.

- Мүмкүн болсо көрсөтүп койосузбу?

- Макул.

- Кана анда кеттикпи?

- Кеттик, - Айзада Нурланга карап, - Кайыргүлдүн эмнеси болосуз? - деди.

- Классташы, жердеши болом.

- Аа-а ошондой, тойго келгенсиз го?

- Эмне тойу болуп калдыбы? - Нурлан кызды элейе карап калды.

- Үч күн калды, сиз билбейсизби?

- Жыйырма бешинде дебеди беле?

- Ошондой дешкен, бирок эртелеткенге туура келип калса керек.

- Ий-ии.

Нурлан айласы куруп басар-басмаксан болуп кетип жатты. Таксиге отурушуп жөнөп кетип баратып, жеткенде токтотуп:

- Келдик, - деди Айзада.

- Айзада, ушунча жакшылык кылдың, эми өзүң эле чакырып бер. - Нурлан сурана карады.

Айзада үндөбөй түшүп үйдү көздөй басып кетти да тез эле кайра келди.

- Ал жок экен, Азиз экөө кетиптир.

- Ка-ап, - деп алды Нурлан, көңүлү чөгө түштү да таксистке, - Айдай бериңиз, - деди.

Жолдон токтотуп бир аз ойлоно туруп калып таксистин акысын берип кетирип ийип, Айзадага карады:

- Эмесе чоң кыз, бир жерге кирип чайлашалы, жакындан таанышып жакшылап сүйлөшөлү, сизди убара кылып койдум.

- Эч нерсе эмес, убара болбоңуз, мен кетишим керек.

- Бир азга эчтеке болбойт, - Нурлан бул көп сүйлөбөгөн сырдуу кызды аялуу карап: "Жакшы кыз экен, балким жигити бардыр. Кайыргүлдөн айырылдым, ал эми меники эмес, өзүмдүн чечкинсиздигим" деп отуруп, - жигитиңиз кызганчаак эмеспи? - деп жылмайып койду.

- Балким болсо кызганмактыр, тилекке каршы азырынча жигиттер мага көңүл бура элек, - деп ал дагы күлүмсүрөп койду.

- Кантип?! Сизге окшогон сулуу кыздын жүрөгүн ээлей албаса…

- Балким, жакпайт окшойм го?

- Койсоңузчу, сулуу кыз, - Нурлан өзүн алаксытмакка кызды тамашалап отуруп кафеге бурулушту.

- Ырас айтам, - Айзада бырс күлүп койду.

Ушул тапта кыз жүрөгү негедир жигитке тартылып, "кетем" деген менен кете албай катарлаша басып кафеге киришти. Экөө көпкө отурушту, кызды жакшылап сыйлап, анан таксиге акы төлөп салып ийди. Эртеси Кайыргүлдүн үйүнө дагы келди: "Эгер мени сүйсө той болоор күнү да артка кайтууга барат. Эми жолуксам сүйөөрүмдү айтам да алып кетем" деп ойлоп барып дарбазаны какты. Он эки, он үч жашар кыз чыга калды:

- Сизге ким керек?

- Кайыргүлдү чакырып койосузбу чоң кыз?

- Ал жок, күйөөсү менен тойго камынып жүрөт, жумушуңуз болсо айта бериңиз, мен айтып койом, - деп чекилдеди.

- Качан келээрин билбейсизби? - Нурлан секелек кызды жылмая карап атайы сылык сурады.

- Жок, качан келээрин айтышпайт, балким алар ойноп жүрүшөт, кайдан билем? - Ийинин куушуруп койду.

- Анда мен кечинде келем, сен эч кимге айтпай өзүнө айт, макулбу? - Нурлан эңкейип ага шыбырап койду.

- Ал кечинде чыкпайт, Азиз келсе гана жооп беришет, анткени ал анын күйөөсү болот да, - Кыз эшикти жабаарда Нурлан түртө калды:

- Сен эч кимге айтпа да, өзүнө айтсаң билет.

- Ма-акул, бирок сиз башкаларга көрүнбөңүз. - Ал дарбазаны жаап кирип кетти.

Нурлан ал күнү ойу алда кайда кетип басып жүрүп күүгүм кире эшик чертти. Көптө барып эшик ачылды, ал Кайыргүл болчу.

- Ким?.

Дарбазанын артына жашына калган Нурлан анын үнүн уга калып:

- Мен эле, Кайыргүл, - деди.

- Нурлан, эмнеге келдиң? үйдө Азиз бар, атамдар эмне дешет, мага капа болбо, - Кайыргүл босогодон чыкпай туруп муну айтканда Нурлан шашып калды.

- Кайыргүл бир мүнөткө эле, чыксаң бери.

- Жок болбойт, - Кайыргүлдүн үнү дирилдей, - Эмнеге келдиң Нурлан, мен күткөн учурда кайда жүрдүң эле? Баары бүттү! - Кайыргүл эшикти шарт жаап салды.

Нурлан селдейе туруп калды: "Туура айтат, неге мурун эле айтпадым?" деп башын шылкыйта артына бурулуп кайдадыр басып кетип жатты, жүрөгү ыйлап баратты. Жандүйнөсү сыздап туш келди кете берди: "Эгерде ата-энем тирүү болгондо алда качан айтмакмын, жетимдигим жолтоо болду, эми мага баары бир, ким болсо ошол болсун. Жашоом ойдогудай, аялым, эл катары балам болуп, өзүмчө түтүн булатсам болду. Сүйүүм менин кайкып учкан куш болду, сүйүүмдү жоготтум, мага чала!" деп түн ортосуна чейин басып жүрүп, анан таксиге түшүп айылга жөнөдү. Түнөрүп эч ким менен сүйлөшпөй кирип-чыгып, короодогу малга көз салып жардамдаша койуп алаксыган болот, бирок баары бир Кайыргүл көз алдынан кетпей кыйналып жатты. Күндөр бат эле алмашып, жайкы каникул келип, Атыркүл үйдө болуп калды. Нурлан үйдө болгондо да бейчеки чыгып, жолдош-жоро же кыздар менен сүйлөшчү эмес. Классташтары окууга кеткени окууга тапшырып, үйлөнгөнү үйлөнүп, кээ кыздары турмушка чыгып кеткен. Короодон чыгып эки жакты карап турса Доктурбек өтүп баратыптыр, Нурланды көрүп эле кайрылып калды:

- Нурлан, кандайсың?

- Жакшы, өзүң кандайсың? - Экөө кол алыша учурашты.

- Нурлан акыбал кандай, көрүшпөй да кеттик, окуп жатат деп уктум, окууң кандай?

- Баары жакшы, - Нурлан аны менен көңүлсүз учурашып анча маани бербей койгондо, ал ыңгайсыздана:

- Бала экенбиз, өткөн-кеткенди кечир, досум, сага жолуга албай жүрдүм эле, - деп күлгөн болду, - Эми чоңойуп адам болдук, балалык өттү.

- Мен түшүнөм Доктурбек, кечирим сураганда эмне, анын баары өткөн чак, эстеп кереги жок.

- Ошентсе деле, өзүмчө ойлоп кээде уялып кетем. Баса бүгүн менин уулумдун туулган күнү, бир иш менен кетип жаттым эле, бүгүн меникине конок болуп, аяшың менен тааныш, - деп калды Доктурбек.

- Ой, сен үйлөнүп, балалуу да болуп калдыңбы? - Нурлан ага таңгала карап, - Куттуктайм! - деди кучак жая.

- Рахмат, мен сенин кечиримдүүлүгүңдү, кек сактабасыңды билгенмин, эми биз бөлүнбөс дос болобуз, - Доктурбек бакылдай сүйлөп жатты.

Бир топтон кийин ал жөнөп кетти. Нурлан дагы ойлонуп калды: "Үйлөнүп, бир баланын атасы болуп калган тура. Кой, мен да үйлөнөйүн. Демек, Доктурбек тез эле токтолгон экен, эчтеке эмес, кектегендей киши өлтүрдү беле? Балалык кезде баары боло берет, башкысы өз күнөөсүн сезе билген адамдык сапаты болсо болду, достошсо достошом", деп биразга көңүлү көтөрүлө түшүп үйгө кирди. Шайыр кайдадыр бир жакка кеткен. Атыркүл тамак жасап, экөө отуруп тамактанды. Быйыл мектепти бүтмөк, бойго жетип чоңойуп калган.

- Байке, сиз үйлөнгөнү жатасызбы?

- Ким билет, болсо болоор. - Нурлан көңүлсүз жооп берип тамагын ичип отуруп алды.

- Сүйлөшкөн кызыңыз барбы? - Атыркүл ага сырдуу жылмая карады.

- Жок карындашым, үйлөнүү жөнүндө ойлоно элекмин. Буйруганы тургандыр, андан көрө күйөө бала болчу жигит таптыңбы? - Нурлан тамашалап койду.

- Жок, андай жигит табылса да көңүлүм жок!

- Болбойт! Окушуң керек!

- Окугум келбейт, - Кыз ыйлап жиберди.

- Кой карындашым, ыйлабагын садага, окубасаң да бактылуу бол! - Нурлан кыздын чачынан сылап койду.

- Байке, мен сизге бир нерсе айтайынбы?

- Айт, айта гой.

- Сиз атама мени окубай эле койсун деп айтасызбы?

- Жо-ок, мен антип айталбайм.

- Айтасыз. - Экөө айтышып отуруп акыры Нурлан макул болду.

Ошол күнү Нурландын чөнтөгүнө Атыркүл кат жазып салып койду. Эч нерсе менен иши жок кийимин которунуп алып Доктурбектин үйүнө жөнөдү. Келсе коноктор келип жайланышып калган экен. Нурланды көргөн Доктурбек бакылдап тосуп алды.

- Туугандар, бул менин классташым жана досум, биз он жыл чогуу окуганбыз.

- Ооба, чогуу окуганбыз, - Нурлан башын ийкеп күлүп калды.

- Жакшы, мындай досуң бар экен, неге мурунтан келбей жүрдү? - Аялы Замира Доктурбекти карады.

- Ой бул шаарда жүрдү, окумуштуу болуп чыгат. Дагы жакшы мен жолугуп калдым, болбосо дагы келмек эмес, - Нурлан наристени колуна алып колуна акча карматып, сүйлөп жаткан Доктурбекти укпагандай болуп:

- Азамат болуп өс, акыл-эстүү болуп, ата-энеңдин үмүт тилегин актай турган эр жигит бол! - деп бетинен өөп төрдөн орун алды, - Доктурбек, уулуңдун аты ким?

- Аскар.

- Оо, жакшы ат экен, келечекте бир элдин башчысы бол, садага!.

Нурлан Аскарды алдына алып отуруп өзүнүн кийинки ата болгон учурун элестетип кетти. Наристе чоочуркабай анын алдында отуруп алып костюмунун топчусун кармалап жатып, ички чөнтөгүндө салынган каттын учунун көрүнгөн жеринен тартып алды. Нурлан аны көрүп таңгалды да акырын алып кайра салып койду: "Ким салып койду, үйгө ким келди эле? Жок, эч ким келген эмес, бул Атыркүлдүн эле кылганы" деп чоочуп кетти. Бакылдашып, наристеге келечектеги бак таалайды, узун өмүрдү каалап жатышты. Бир кезде Доктурбек отургандарды карай:

- Туугандар, мен бүгүн силердин көзүңөрчө Нурланды өзүмө дос кылып алмакмын. Дос дегенди жакшы билесиңер, бир-бири үчүн жан берүүгө даяр, ошондуктан бүгүндөн баштап Нурлан менин эки дүйнөдө бир-бири үчүн жан кыйбас досум! - деди.

- Азамат десе, туура кыласыңар, анда төш тийгизгиле!

- Достун ортосунда ак боз ат жүрөт, ак тайлак колдойт!

- Достошуунун анты бири-бириңерди алдабай, жамандык-жакшылыкта бириңерди бириңер таштабайсыңар!

- Мен даярмын, эгер Доктурбек достошууну кааласа мен каршы эмесмин! - Нурлан туруп Доктурбектин жанына келди, - Дос деген атыбызга шек келтирсем достуктун анты урсун!

- Досумдун душманы менин душманым, досумдун атына шек келтирсем ак боз аттын, достуктун анты урсун!.

Экөө кучакташып турганда отургандар кол чаап жиберишти. Бака-шака түшүп отуруп кеч тарашып, кетээрде Нурланга костюм-шым баш кылып бир сыйра кийгизип, астына токулуу ат мингизип, атасы Айтаалы алакан жая:

- Балдарым, ылайым Камбар ата колдоп достугуңар темирдей бекем болуп, ар дайым бири-бириңерди колдоп, сыйлап, өмүрүңөр узун, өрүшүңөр жайык болсун, бир өмүр үзөңгүлөш дос болгула, оомийин! - деп батасын берди.

- Ыраазымын, ата!

- Ыраазымын, ата! - Доктурбек менен Нурлан экөө тең Айтаалыга баш ийе таазим кылышты.

Нурлан кубанычы койнуна сыйбай атты мине үйгө келсе Артур менен Шайыр келип калыптыр, анын ат минип келгенин көрүп Артур:

- Ой, бу кайдагы атты минип алгансың? - деди.

- Досум мингизди!

- Кайсы досуң?

- Доктурбек, экөөбүз жаңы достоштук.

- Оо азамат десе, эң сонун болуптур, мына жигит деген ушундай болот, адам болгонуң ушул, дос кут болсун!

- Досуң кут болсун Нурлан, ылайым дос-жороң көбөйүп душманың жок болсун! - Шайыр келип аны эки колу менен ийинден алды да чекесинен сүйдү, - Өмүрүң узун, бак-таалайлуу бол, садага.

- Рахмат!.

Нурлан мындай жылуу сөздөргө жүрөгүнөн ыраазы болуп: "Ушул учурда Кайыргүл жанымда болсо эмне?! өмүр бойу өзүмдү-өзүм кечирбейм, өз сүйүүмдү өзүм жоготтум" деп ойлоп алды.

- Эми сен үйлөн жигит, биздей бир туугандарың бар, досуң-теңтуштарың бар, эми сен жетим эмессиң, адам болдуң. Кана эми, кыз таптыңбы?

- Жок!

- Ата-аңдын көрү, өзүң көркөмдүү жигитсиң, ушу кыздарга келгенде мокок окшойсуң? - Артур жылмайып колун жая сүйлөдү. - Ушу сага ашык кыздар көп эле чыгар?

- Буйруганы болот да.

- Антпе, күздө үйлөн да, үйүңдүн эки жагын карап, мөмө-чөмө тигиш керек, - Шайыр Нурланды башынан сылай жанына отуруп, - Ойлон, үйлөнүүнү эртелет, - деди.

- Көрөйүн, - Нурлан сыртка чыгып кетти.

Шайыр менен Артур айылдагы кыздардан тандап отуруп чыга калса, Атыркүл Нурландын бөлмөсүнөн чыгып келаткан эле, аны көргөн Шайыр:

- Аякта сен эмне кылып жүрөсүң? - деди.

- Жөн эле, Нурлан байкемди карагам.

- Ал сыртта жүрөт окшойт, эркек баланын бөлмөсүнө кирбей жүрбөйсүңбү? - Ачуулана карады.

- Эмне болмок эле, мен жөн эле киргем!

Атыркүл тултуңдай чыгып кетти. Аңгыча Нурлан костюмунун чөнтөгүндөгү катты окумакка бөлмөсүнө кирди да, эшикти бекем жаап алып окуй баштады:

"Нурлан байке, бул катты окуп адегенде мени жаман, көрөөрсүз жек көрүп каласыз, аны сезип эле турам. Бирок жүрөгүмдүн эңсөөсүн кантип басам?! Жаш жүрөк жалгыз сизди каалап, күнү-түнү азап чекти. Бул азап мага үч-төрт жыл мурун секелек күнүмдөн баштап жармашты. Аргасызмын, кыз башым менен жигитке өз сүйүүмдү таңуулап олтурам, жаш жүрөгүм эзилип бүттү, канткенде сиздин каракөз селкиңизге айланам, канткенде сиздин жаныңызда түбөлүк калам? Жабыркаган жандүйнөмдү жай алдыраар жалгыз сиз! Сиздин бизге тууган болуп калганыңыз айыккыс дартка кабылтты. Эгер башка болгонуңузда эбак сизди жандап жаш жүрөгүмдүн жалынын басмакмын, анткени жашырууга чыдамым жетпей баратат. Сиздин ар бир күнүңүз, аткан таңыңыз менин көз карашымда, көз алдымда, анткени мен сизди сүйүп калдым! "Сен али жашсың, сүйүү жөнүндө азыр ойлонбо" дегенсиз, кантип ойлобой койо алам? Бассам-турсам ойумдан, түндөсү түшүмдөн кетпейсиз. Сизди ойлоп жатып уктасам ойгоноорум менен эсиме түшөсүз, денемде агып жаткан канымды, дем алган абам да сизге байланыштуу, сизди мүнөттө көрбөй калсам тынчым кетип, кимдир бирөөлөрдөн кызганып жаным жай албай соо туруп ооруп калам. Мен сизсиз жашай албайм! Эгер ата-энем каршы болсо мен жашоодон кечем, өзүмдү-өзүм өлтүрөм! Атыркүл"

дегенди окуп алып дендароо болуп Салыйды эстеди, бүткөн бойун калтырак басып, Атыркүлдүн да өлүп жатканы эсине түшө калып, өзүнчө кыйналып жатканда Артур аны чакырып калды.

- Нурлан бери чыкчы.

- Азыр, - Нурлан дивандын үстүндөгү өзү жатчу төшөктүн ичине катты ката салып жүгүрүп чыкты, - Эмне болду, байке?

- Бери кел, мынабуларды алып барып үйүңдүн эки жагын короолойлу, - деп Артур темир-тезектерди, жыгачтарды чогултуп, экөөлөп машинасына жүктөдү.

Керээлден кечке үйдүн айланасын тосуп, эшигинин алдын тазалап жүрүштү. Шайыр кир жуумак болуп жаткан, Атыркүл дүкөндө соода кылып жатты. Нурландын бөлмөсүнө кирип шейшебин жуумак болуп ала койсо кагаз жерге түшүп кетти, ала койуп көз жүгүрткөн Шайырдын өңү бузулуп, оозун колу менен басып калды: "Кудай уу-ур, бул эмне деген шумдук, мунусун Артур укса эмне дейт?! Кой, шерменденин жаагын жабайын" деп ачуусу менен дүкөнгө кирип барып:

- Дүкөндү жаап үйгө кир, сүйлөшчү сөз бар! - деп кайра чыгып кетти.

Атыркүл дүкөндү жаап кирип келгенде ачуусу келип турган Шайыр өзүн токтото:

- Бул эмне деген шумдугуң кызым, бизди уятка калтыргың келип калдыбы, бой жетип бир жакшы жерден куда күтөбүз деген тилегибизди сен өчүргөнү жүрөсүңбү? - деди жанына келип катты көрсөтө.

- Апа, ошого уят болмок белеңер, Нурланды сүйүп калсам эмне кылам?! - деп Атыркүл эч тартынбай жооп берди, - Эгер силерге өөн болсо, менден түңүлүп эле койгула, мен өзүмдү-өзүм өлтүрөм! - Атыркүл тултуңдай чыгып өзүнүн бөлмөсүнө кирип эшигин бекитип алды.

Шайырдын эси чыгып кетти:

- Атыркүл, алтын кызым, чыкчы бери, сүйлөшөлү. Мени азапка салбачы, садагам? - деп такылдатса да ачпай, аргасы кетип жатканда Артур келип калды.

Нурлан үйүнүн эки жагын карап кала берген. Шайыр ичинен тынчсызданган менен күйөөсүнө сыр билгизбей алдына тамагын койуп жатканда деле өзүнчө бушайман болуп жатты.

- Нурлан келген жокпу?

- Ал азыр келет, өзүнүн үйүнө үйүр алсын.

- Мм.. Артур, аны ошол үйгө эмитен эле берчүсүн берип бөлүп койсок кантет?

- Эмнеге, келинди бул жерге эле киргизип анан алып барып койобуз да?

- Жо-ок, өз үйү болгондон кийин ошол жакта эле болгону жакшы го?.

Шайыр ачык айталбай ар кайсыны шылтоо кылса да болбоду. Ошол бойдон тим болуп кызынан кабар алганы анын эшигин түртсө ачык экен. Акырын караса уктап жатыптыр, кайра каалганы жаап койуп, дүкөнүнө киши келип соода кылганга чыкты.

Атыркүл ыйлап жаткан: "Келсең көрсөтөм, катты апама берип койгонун кара! Так сенин көз алдыңда бычакка жарынып өлбөсөм элеби?!" деп көгөрүп жатты. Кечинде келип бөлмөсүнө кирген Нурлан төшөгү жерде жатканын көрүп делдейе туруп калды. Жана Шайыр катты көргөндөн кийин эсинен баары чыгып, төшөктү жыйнабай, шейшебин албай чыгып кеткен, ошол бойдон ойу чаржайыт болуп кирин да жуубай калды. Нурлан акырын чыгып жаңы үйүнө кетип, ошол жерде түнөдү. Эртеси эртең менен Артур эрте келди, ал анын үйгө барып кайра кеткенин байкаган эмес эле.

- Нурлан, эмнеге үйгө барбадың, төшөнчү жок кантип түнөдүң биерге? Бас, кардың ачты, үйгө жүрү.

- Азыр… - Нурлан кыңырыла ордунан туруп атып, - Байке, мен шаарга барып жумуш издейин, үйлөнсөм үйгө бирдеме керек го, баарын өзүм даярдап албасам болбойт…

- Ой азаматым десе, туура айтасың, баары керек, бирок жеңең сага атайын берем деп баарын даярдап койгон. Андан көрө жакында ойун болот, ушул утуш келсе бүт өзүң ал да, мал-сал сатып алып керектүүнү алып үйдү толтурабыз.

- Ошентсе деле жумуш керек го…

- Окууңду бүтсөң бакыйган кызматкер болосуң. Мына эми эки жылда дипломдуу болосуң, ага чейин эч ойлонбой жүрө бер.

Артур аны эч жакка жибергиси келбеди. Шайыр баарын түшүнгөн менен унчуккан жок. Атыркүл болсо күн-түнү "ооруп жатам" деп бөлмөсүнөн чыкпай, эч нерсе ичпей жатып алды. Нурланды көрбөгөнгө үч күн болду. Артур машинасына төшөнчү салып алып келип берип, Нурлан өз үйүндө болуп жаткан. Бир күнү ойлонуп эч жакка чыкпай отурса Атыркүл кирип келди, бычакты жеңине катып алган.

- Менден качып кутулам дедиңизби, мен өлмөйүнчө сиз менден кутулбайсыз! - деп көзүнүн жашын куйултуп маңдайына туруп калды.

- Атыркүл, бул эмне дегениң? Биз бир тууганбыз, сен жаңылып жатасың, учурунда сен өзүңдү сүйгөн жигит табасың. Байкем менен жеңем мени жаман көрүп калат, эсиңе кел, акылың бар кызсың!

- Мен акылдан азып бүткөм, сизди сүйөм! Билесизби, мен сизди сүйөм!!!

- Эч качан, эч качан андай болбойт!

- Андай болсо мен дал сиздин маңдайыңызда өлөм!.

Атыркүл колундагы бычагын чыгарып жүрөк тушун мээлей калганда Нурлан ага жетип кармап калды.

- Жинди болдуңбу?! - Ошол кезде жол бойуна машинасын токтотуп келе калган Артур босогодон үндөрдү угуп токтой калды, - Өлсөң өзүңө жаман, ата-энеңди уят кыласың! Эсиң барда токтот, мен биерден биротоло кетем, өлөсүңбү же жашайсыңбы, ал өз эркиң!

- Качан мени "сүйөм" деп айтмайынча, "сенден башкага үйлөнбөйм" деп сөз бермейинче мен өлүмдөн кайра тартпайм!

- Атыркүл, эгер ушинте берсең үйгө сени өзүм алып барам!.

Нурлан аны колунан бычакты алып жетелеп жөнөдү. Сырттан баарын угуп турган Артур артына бурулуп үйүнө кетип калган: "Кызың кургур, ушунчадан Нурланды жакшы көрүп калганын жашабай жатып! Энеси укса ал чалкасынан кетет го, эми эмне кылдым? Кой, Нурланды шаарга жөнөтөйүн. Эмнеге үйдөн качат десе куураган кыз аны жарга такап алган тура" деп ойлуу отурганда Шайыр кирип:

- Сага эмне болду? - деди, - Бир жериң ооруп жатабы?

- Эч нерсе, башым ооруп турат, - Артур телевизорду тиктеген бойдон үн катты. - Кызың кайда?

- Билбейм, бөлмөсүндө эле жаткан.

- Карап көрчү?

- Аны эмне кыласың?

- Жөн эле, окууга барса жакшылап даярданса болбойбу, келээрки жылы мектепти бүтөт го?

- Окуп жаткандыр…

- Иши кылып айтып кой, - деди да, Артур үнсүз отуруп калды.

Шайырдын опкоолжуган жүрөгү ылдыйлай түштү: "Билип калса эмне кылам" деп чоочуп турган.

Аңгыча Атыркүл ыйлаган бойдон ички бөлмөгө кирип кетти. Артур кызын аябай жакшы көрө турган, эмне кылаарын билбей турду. Жүрөгү ооруп, эмеле өз кулагы менен уккан сөзү кулагынан кетпей денеси от жалын болуп күйүп чыкты. Кызын урушаарын же Нурланга үйлөнтүп койорун билбей нес болуп ооруп калды. Ага доктур чакыртып келишти. Бир жумадай жатып зорго эс алды. Ошол учурда кызы анын жанына бир жолу келип ал абалын сурабады, мелтейип өз керебетинде жата берди. Артур бир аз жакшы болуп калганда Нурлан шаарга кетти. Атыркүл ботодой боздоп ыйлап калды. Артур менен Шайыр бири-бирине ооз ачпай өз ичтеринен сызып жүрө берди. Атыркүл эч нерсе ичпей же туруп жумуш жасаганга кол кабыш кылбай ыйлап жатып арыктап да, ооруп да калды. Врачтарга көрсөткөндө ага диагноз койо алышпай дары-дармек жазып берип: "Айыгып кетет" дегенден башка эч нерсе айта албады. Акыры ордунан турууга алы келбей оозуна суу тамызып калганда Артур эч кимге кеңешпей туруп шаарга жөнөдү: "Эл эмне десе ошол десин, кызымды өлтүрүп албайын, жок дегенде Нурланды алып келсем кызым сакайып, окуусуна барып калаар" деп ойлоп кетип жатты.

Нурландын кайда экенин билүү үчүн Сапарбектин үйүнө барды, аны көргөн Асылкүл:

- Келиңиз, - деп жылуу тосуп алды.

- Келдим, кандай, жакшы жатасыңарбы?

- Жакшы, өзүңүздөр жакшы жүрөсүздөрбү, жеңем жакшыбы?

- Баары жакшы, - Артур төргө өтүп жайланышып отургандан кийин, - Нурлан келип атабы? - деди.

- Ооба, ал биздин бала менен курулушта иштеп жатат.

- Жакшы болгон тура, жумуш чыгып калды аны алып кетейин деп келдим эле…

- Ал жакшы жумушта иштеп жатты эле, барар бекен?

- Барат, өзүнүн бүтүрөөр жумушу бар, ага үй алып бергем, ошону актап-сырдап бүтүрбөсөк болбойт.

- Айткан, сизге Сапарбек менен кайнилерим аябай ыраазы болуп жатышат.

- Эчтеке эмес, "жетимдин акысы загырдын огу" дечү эле илгеркилер, бечараны көтөрмөлөп жакшылык кылса бир күнү кайтаар. Мен өзүм да жетим өскөм, апам бар болуп эчтеке сезген жокмун да, - сүйлөшүп отуруп чай ичип жатканда Нурлан келип калды.

- Оо азаматым кандай, иш жайындабы? - Артур аны далыга таптай сүйлөдү, - Биз сага көнүп алыптырбыз, балдар дагы сурап жатат.

- Жеңем жакшы жүрөбү?.

Нурлан жер карай сурап койду. Бир аз отургандан кийин сыртка чыгып ээн жерге барып Артур жай сөз баштады.

- Нурлан, экөөбүз азыр тууганча эмес, эркекче сүйлөшөлү, - Артур ушинтип сөздү эмнеден баштаарын билбей ары-бери баса ээгин сыйпалап калганда Нурлан: "Эмне дегени турат? Атыркүл катты көрсөтүп койсо керек, курган кыз мени да, өзүн да кыйнады" деп Артурду карап сөз күтүп калды, - Нурлан, мен баарын билем. Атыркүлдү жанымдан жакшы көрөөрүмдү жакшы билесиң, ал балалык кылдыбы, же… Кызымдын абалы өтө начар, аны сен гана дарылай аласың. Эч кабатыр болбо, мен кызым үчүн баарын жасайм!

- Артур байке…

- Болду, мен сага келдим, тезирээк барбасак ал…

- Байке!

- Кеттик! - Артур анын сөзүн укпай үйгө карай басып Сапарбектин үйүнө баш бакты, - биз кеттик, келин бала, Сапарбекке салам айт, бир-эки күндө Нурлан кайра келет, - деди.

- Тамак ичип кетсеңер болот эле….

Асылкүл ыйбаа кыла унчукту.

- Жок, рахмат.

- Жакшы тургула, жеңе!.

Нурлан дагы коштошуп чыкты, экөө жолдо келатканда эч кимиси үн катпады. Алар келгенде кеч күүгүм болуп калган, эки түн катар жол жүргөн Артур кирип жатып алды. Нурлан өмүрү баш бакпаган Атыркүлдүн бөлмөсүнө баш бакты. Атыркүл чалкасынан жаткан, өңү купкуу болуп, көздөрү чарасына кирип, чачтары уйпаланып, көзүнө алда кандай көрүндү: "Нурлан, ушунун баарына сен гана күнөөлүүсүң. Салыйдын, эми Атыркүлдүн убалына калдың" деп бирөө желкеге койуп жибергендей болду. Жетип жанына отура калды. Дабышты сездиби, көзүн ачпай:

- Суу, суу, суу! - деди оозун кыбырата Атыркүл.

Ошол убакта Шайыр колуна чыны көтөрүп келаткан. Нурланды көрүп:

- Качан келдиң? - деп ийди.

Ага Артур эч нерсе айткан эмес эле:

- Азыр келдим жеңе, Атыркүл ооруп атабы?

- Ооба, - Шайыр ыйлап жиберди, - ооруп атат, врачтар диагнозун койо албай койду.

- Кызык….

Нурлан кайра кызды карады, акыркы жолу бычакты жүрөгүнө мээлеп: "Эгерде жооп бербесең өлгөндөн кайра тартпайм" дегени кулагына жаңыра түштү.

- Нурлан, сууну сен берчи, - Шайыр чыныны ага берип өзү кетип калды.

- Атыркүл, суу ичесиңби? - Нурлан ага үңүлө сурады.

- Суу, суу- дегенде Нурлан анын башын көтөрө калып, - мен келдим, Атыркүл, ач көзүңдү!

- Байке, Нурлан байке-е! - Атыркүл араң зорго ачып оозун кыбыратты, бирок анын үнү угулбады.

- Кандай Атыркүл, жакшысыңбы? - Нурлан эмне деп сүйлөөрүн билбей эле эптеп аны карап тура берди.

Артур эч нерсе дебеди. Нурлан түндөсү ордуна жатып, күндүзү Атыркүлдүн жанында болуп жатты. Анын үнүн угуп, жанында турганын сезип-туйуп турган, алсыз болсо да баарын билген Атыркүл акырындап өзүнө келе баштады. Ал бир аз баш көтөрө баштаганда Артур:

- Нурлан, эми эмне кылайын деген ойуң бар? - деди.

- Эгер сиз уруксат берсеңиз… - деп туруп калганда Артур менен Шайыр бири-бирин карап: "Кудай ур, үйлөнөбүз дейби" деп калганда, - Сиздер уруксат берсеңиздер мен шаарга эле кете берейин, - деди экөөнү алмак-салмак карай.

- Макул, иштесең иште.

Артур ушинткенде Атыркүл каалганын артында угуп турган, ордуна жете албай алы жок неме жыгылып кетти. Баары ордунан туруп чыга калса ал босогодо жаткан экен.

- Кагылайын ай, деги эмне кылам?.

Шайыр чыйпылыктап көтөрмөк болду эле, Нурлан:

- Мага бериңиз, - деди да көтөрүп ордуна жаткызды.

- Кызым, эсиңе келчи, көзүңдү аччы, садага!

- Көзүңдү ач, каралдым, - дешип эне-ата экөө эки жагынан жалдырашканда Нурландын көзүнө жаш тегерене: "Минтип үйрүлүп түшүп турган ата-энеси бул бирдеме болсо эмне болоор экен, эми эмне кылам?" деп ары бурулуп ойлуу турду.

Ошол күнү Шайыр: "Кой, эмнеси болсо да ачыгын айтып катын окутайын, ата эмеспи, бир чечимди чыгараар" деген ойдо жатмак болуп калганда:

- Бул катты окуп көрчү! - деп Артурдун алдына катты таштады, - Кокус Нурлан алыс кетип келбей койсо, кызың бул оорудан өлөт!

- Ата-аңдын оозун урайын десе, ал эмне дегениң? - Артур аны алая карады. Шайыр унчуккан жок. Катты окуган Артур, - Сен эбак эле билипсиң, эмнеге мага бир ооз айтпадың? - деди.

- Эмне деп, кызың өзү Нурланды сүйөт экен деппи, же ушинтип кат жазыптыр деп айтмак белем? өтүп кетээр бала эмеспи деп ойлогонмун.

- Кызың түшкүр, эми эмне кылдык?

- Кайдан билем?

- Нурлан эч жакка барбайт, быйыл мектепти бүткөнчө унчукпа, дагы байкап көрөлү, балким жаштык кылып, эркелиги да кошумча болуп аткандыр, азыр бул ушундай куракта эмеспи, бул ойунан кайтаар. Тилдебей-урушпай өз ойу менен бол, арада дагы бир жыл бар, өзгөрүлүп кетээр.

Артур аялына ушинткен менен өзүнчө кыжаалат болуп жатты: "Кызым чоңойду, жакшы жерден куда күтөм деп кубанып жүрсө, муну кара" деп ойлоп өзүн колго алалбай сарсанаа тарта берди.

Атыркүл аз-аздап тамак ичип, өзү басып тура баштады. Нурлан анын жанында, канчалык аны сакайып кетсин үчүн күлдүрө сүйлөп көңүлүн көтөрүп керээли кечке кашында болсо да ага бериле албады, аны сүйө албады, качан болсо Кайыргүлдүн элеси жанында коштоп жүрөт. Тагдырына таарынат: "Ата-энем болгондо өз сүйүүмдү тартынбай айтмакмын, бактылуу болмокмун" деп ойлоп заматта көңүлү кирдей түшөт.

- Нурлан байке, - деди бир күнү Атыркүл, - Карасаңыз, чачым түшүп жатат!

- Кана? - Нурлан анын чачын тарап жатканын көрүп тарагындагы чачты карап чоочуп кетти, - Ой-иий, мынча эмне түшүп калды?

- Билбейм, тарап көрсөңүз.

Таракты ага бере салды. Нурлан колуна таракты алып, артына карай тараса жыдыган теринин жүнүндөй болуп түшө баштады, ого бетер коркуп кетти.

- Атыркүл, жеңемди чакырайынчы, - Нурлан жүгүрүп чыгып Шайырды чакырып келди, - Жеңе караңызчы, чачтары жыдып түшүп жатат го?

- Койчу? - Шайыр көрүп алып тызылдап ийди, - Катыгүн ай, ооруп көпкө жаткандыкы го? - деп врач чакыртып көргөзмөк болду…

Нурлан окуусун бүтүп, шаарга бир мекемеге орношуп иштей баштады. Сапарбектерге каттап турат. Үйлөнөөр ойу да жок. Артур аны шаштыра баштады. Бирок кызынын жүрөгүн оорутуп анын көзүнчө эчтеке дебейт. Атыркүл мектепти бүтүп үйдө, баягыдай эркелиги калып өтө оор басырыктуу болуп, ооруп айыккандан кийин эч ким менен сүйлөшпөй өзү менен өзү. Шайыр кызынан кабатыр болуп анын көзүн карап турат. Нурланды "Атыркүлгө үйлөн" деп айтууга ооздору барбайт. Артур болсо аны баягыдай ойунга катыштырбай калды, өзү дагы тынч оокат өткөрүүнү ойлонуп, мал менен алек болуп калды. Кээде гана эски достору келгенде үйүндө ойношот, бирок ал катышпайт.

Шаардан Нурлан келип калды. Атыркүл аны көрүп үйгө кирип кеткен, учурашкан да жок, Шайыр кызынан саксактап кайтарып турчу болгон. Кечинде Нурлан сыртка чыгып кайра келатканда Атыркүл далдоодон чыга калып:

- Нурлан байке, мен сизди күтүп жатам, - деди дароо эле.

- Атыркүл, сенсиңби?

- Ооба менмин, өзөгүмдү өрттөп, жүрөгүмө айыккыс ооруну берип койуп басып жүргөнүңүзгө жол болсун!

- Атыркүл, андай дебечи, мен…

- Эмне, сиз мени сүйбөйсүзбү?

- Жок-жок, Атыркүл, биз сүйүшө албайбыз да, бир тууганбыз, сен эми чоңойуп, баарын түшүнүп калбадыңбы? - Нурлан тайсалдап, үйдөн бирөө чыга калабы деп тартына карап алды, - Мен андайга баралбайм!

- Ушул акыркы сөзүңүзбү?

- Ооба, акыркы сөзүм. Сен мени түшүн, - Нурлан кирип кетмек болгондо Атыркүл колунан кармап калды:

- Анда менин акыркы сөзүмдү угуп койуңуз, түндөп үйдөн кетем, бирок сиз гана күнөөлүү болоруңузду унутпаңыз!

- Андай болбойт, мен азыр байкем менен жеңеме айтып, сен эмес, бул үйдөн биротоло мен кетем! - Нурлан да көгөрүп үйгө кирип кетмек болгондо алдынан чыга калган Артур:

- Экөөң тең эч жакка кетпейсиңер! - деди салмактуу сүйлөп, - Силердин тагдырыңарды мына мен чечем!

- Байке… - Нурлан сүйлөмөк болгондо Артур аны сүйлөтпөй колун көтөрүп токтотту.

- Токто, мен сөзүмдү бүтө элекмин, киргиле үйгө!. - Нурлан башын жерге сала кирип келатса Шайыр дагы селдейе күйөөсүнүн артында турган экен, аны бир карап өтүп кетти. Үйгө кирип отургандан кийин чымындын үнү угулчудай жымжырт болуп турду саамга, эч кимиси үн катпады. Бир кезде Атыркүл өз бөлмөсүнө кетмек болуп ордунан турганда аны Артур бир карап алды да. - Отур! - деди.

- Жатам, - Атыркүл бурк этип жер карады.

- Токто, сен эмне болуп жүргөнүңдү, эмне деген сөздөр оозуңдан чыгып жатканын билесиңби?

- Эмнеге сүйлөбөйм? Силер мага жолтоо болуп жатасыңар, мен Нурланды сүйөм. Эгерде бул башкага үйлөнө турган болсо, менден түңүлүп эле койгула, мен жашагым келбейт, уктуңарбы?!.

Шайыр да аны караган бойдон отуруп калды. Нурлан эмне дээрин билбей башын жерге салып отура берди.

- Сен Нурланды сүйсөң, ал сени сүйөбү, ошону ойлодуңбу? - Артур кызына боор ооруй карады. - Сен балалык кылып жатасың кызым, жаңылып жатасың, Нурланды да кыйнадың.

- Баары бир мен аны сүйөм!

- Нурлан, сен эмне дейсиң? - Артур жер карап отурган Нурланга карады, - Сен кандай ойдосуң?

- Байке, биз тууганбыз, Атыркүлдү карындашымдай эле көрөм.

- Ушу бүгүн силер менен ачык сүйлөшпөсөм болбойт экен. Отур, Атыркүл.

Артур экөөнү маңдайына отургузуп алды да бир топко сүйлөшүп жатты, эмне сөз болду, кандай чечилди ким билет, эки-үч күндөн кийин Артур экөөнү түндөп шаарга жеткирип келди. Кызын абдан жакшы көргөндүктөн андан ажырап калуудан коркту. Азыркы жаштардын кыял жоругу башкача эмеспи, анан да Салыйдын муунуп өлгөнүн уккан, ошондон коркуп ата-эне Атыркүлдүн ойу менен болуудан башка аргасы жок экенин сезишти, "кызыбыздан бекер ажырап калбайлы" деп ойлоп түн катып Нурлан экөөнү бир бөлмө батирге киргизип койуп кайра келди.

Нурлан Атыркүлдү жакшы көрчү, бирок сүйүү жок эле ортосунда. Алар бирге бир бөлмөдө турган менен эртели-кеч гана жолугушуп сүйлөшүп жашап жатышты.

Артур Нурланды бөлүп:

- Эл эмне десе ошо десин, кызым үчүн баарына чыдайм. өзүбүз той өткөрүп үйлөнтөйүн, бири-бириңерге көнүп сүйлөшкүлө. Балким Атыркүл өз ойунан кайтаар. Сен ага орой мамиле кылып, өзүңдөн алыстатканга аракет кыл, - деген кетээринде.

- Атыркүл! - деди бир күнү кечинде жумуштан келген Нурлан, - Менин кийимдеримди эмнеге жууган жоксуң?

- Жууп койгомун, байкеси, - Атыркүл жылмая ага үтүктөлгөн кийимдерин алып берди, - Ушулбу?

- Аа-а, кечирип кой.

Нурлан унчукпай ары карап жатып алды. Атыркүл анын далысына далысын тийгизип жатып гезит окуп атып:

- Нурлан байке, муну караңызчы! - деп калды.

- Тынч уктатасыңбы, ыя? - Нурлан акырын ары түртүп койду, - Бар ордуңа жат!

- Жатпайм!

- Анда отура бер, мени тынч кой!.

Ал кайра жатып алды эле Атыркүл бир кезде жаткан жеринен эле чаңырып кирди.

- Эмне болуп кетти? - Нурлан ыргып тура калды, - Айтпайсыңбы, эмне болду?

- Ичим, ичим тырышып атат.

Атыркүл тырыша жатып калды. Нурлан коркуп кетип аны көтөрүп ордуна алып барып:

- Басылдыбы? - деп сурады.

- Ичим, ичим жаман болуп атат!.

Атыркүл жаткан жеринде онтолоп ооналактап жатканда:

- Врач чакырайынбы? - деди Нурлан.

- Жо-ок, жакшы болуп калат, - Атыркүл аны көз кыйыгы менен карап койду.

Нурлан кабак бүркөй аны карап турган: кашы ипичке, көздөрү жумулуу жатканда Атыркүлдүн кирпиги төгүлүп, куурчактын өзү болуп калат экен. "Тобо-о, такыр эле көңүл бурган эмес экемин. Татынакай кыз тура, үйлөнүп алсам болчудай экен. Кайыргүл эмдигиче эки балалуу болуп калды го, мен дагы үйлөнүшүм керек. Эми ал менин жүрөгүмдүн төрүндө кулпулануу сандыктын ичиндеги катылган сыр бойдон калсын. Мен сүйбөсөм да, мени сүйгөн кыз турат маңдайымда, буга деле убал. Ата-энеси каршы болбоду. Эл бир аз сөз кылаар, бирок акыры токтойт да, кайда бармак эле? Унутулат, эскирет" деп ойлонуп жатты.

Атыркүл көзүн жумгандай болгон менен кирпик астынан аны карап жата берди.

- Атыркүл, ичиң басылдыбы? - деди Нурлан бир топтон кийин.

- Ооба, басылып калды.

- Анда укта, мен эртең жумушка барам, эс алайын, - деп ордуна жатып алды.

Ошонун эртеси Артур, Шайыр экөө келип кызы менен сүйлөшүп аркы-беркини айтса да Атыркүл мойун бербей, айтканынан кайтпай ыйлап-сыктап туруп алды.

- Силер каршы боло турган болсоңор мен дайынсыз жоголом, экинчи жүзүмдү көрбөйсүңөр!

- Кызым, өзүң ойлонсоң боло, Нурлан жакшы жигит, бирок анын көңүлү болбосо эмне кыласың? Элдин сөзүнөн, ушагынан коркпой сенин ойуң менен болуп жатабыз, ансыз да силер үйлөнсөңөр кандай сөздөр чыгат, ким билет? - Шайыр асталап кызын жоошута сүйлөдү. - Кыз бала ата-эненин намысын ойлочу эле…

- Мейли, эл эмне десе ошо десин. Нурлан бизге тууган болгондо мындай эле тууган, кыз алышкан жагынан куда болуп кетебиз, эч нерсе болбойт, - Артур кызына болуша кетти. - Кызым өзүмдү тартып өз билгенин койо бербейт, - Артур кызынын чачынан сылай эркелетип койду, - Бактылуу болсоң болду, кызым.

- Катуу айтып тилдеп койбой сен жаман үйрөттүң, Нурланга өзүбүз таңып бергендей болуп жатпайбызбы? - Шайыр күйөөсүнө нааразы боло сүйлөдү.

- Андай деп ойлобойт, Нурлан абдан эстүү, бизден эле тартынып жатат да, кызым эмне элден кемби? Сулуу десе сулуу, акылдуу десе акылдуу, - Артур күлүп койду.

Ал деле ойунда жакшы жерден куда күтүп бакылдап жүргүсү келген, бирок кызын жакшы көргөндүктөн аны аяп ойу менен болуп турган эле. Аргасы кетип Атыркүлдү айнытууга аракет кылган менен анын сөзүнөн кайтаар түрү жок экенин сезип, баарына кайыл болду. Экөө кызы менен сүйлөшүп, акча таштап, анан жөнөп кетти.

Кечинде Нурлан келгенде Атыркүл ыйлап жаткан.

- Эмне болду? - деди Нурлан аны көрүп.

- Эч нерсе…

- Тамак барбы?

- Өзүңүз жасап ичиңиз, мен азыр концертке барам, - Атыркүл туруп чачы-башын оңдоп, кийинди да чыгып кетти.

Артынан эшикти ачып Нурлан ага кыйкырды.

- Атыркүл, ким менен барасың?

- Кыздар бар, - деп койуп, Атыркүл кете берди.

Эшикке караңгы кирип көз байлана баштаган эле, тынчы кетип үйдү кулпулап Нурлан дагы чыкты. Анын артынан акырын бара берди, жолдон бир жигит аны тосуп алып экөө маршруткага түшкөндө удаалаш келаткан Нурлан да түшүп ары карап туруп алды. Аны Атыркүл байкаган жок, тиги жигит менен сүйлөшүп бара берди. Филармониянын жанынан алар түшө электе түшүп алып карап турду. Экөө түшүп басып баратканда жай артынан жөнөдү эле, тигилер токтоп калышты. Нурлан решеткага жөлөнүп аларды карап калды.

- Таанышып алалы, менин атым Сейит, - деп жигит Атыркүлгө колун сунду.

- Атыркүл.

- Жакшы, жүрү, концерт баштала электе кирели.

Экөө ээрчише басып жөнөштү. Артында аларды карап жүргөн Нурланды Атыркүл байкаган да жок. Нурлан билет алып алардын артынан кирип отурган жерин көрдү да экөөнүн асты жагына шапканы баса кийип далысын сала отуруп алды.

- Атыркүл, окуйсуңбу?

- Жок.

- Эмне иш кыласың?

- Үйдө элемин.

- Ким менен турасың?

- Байкем менен…

- Ал иштейби?

- Ооба.

Аңгыча ойун башталып унчукпай калышты. Нурлан концертке анча кызыкчу эмес. Анын эси-дарты, кулагы тигилерде. Көптөн кийин Нурлан акырын туруп кетмек болду. Бирок: "Кой, түн болсо эмне болуп кетет, чогуу эле чыгайын" деген ойдо обдулуп барып отуруп калды.

- Атыркүл, жолугуп турбайлыбы? - деди Сейит бир кезде.

- Маакул.

- Эртең паркка келбейсиңби?

- Саат канчада?

- Ондордо, мен сабактан чыгам, анан сени күтүп алам.

- Болуптур….

Концерт бүтүп эл жабыла туруп жөнөгөндө Нурлан алардын артынан кошо жөнөдү. Маршрутканын акыркысына түртүшө түшүп батирдин тушунан түшүп калышты. Нурлан эртерээк басып үйүнө келди да төшөгүн салып кайра караса сүйлөшүп турушат, ал кирип жатып алды: "Эми эч нерсе болбойт, келип калды" деп көңүлү ток боло уктамыш болуп калды.

Атыркүл акырын кирип төшөгүн салып жатып алды. Нурлан билмексен болуп эртеси ишке жөнөп: "Зарыл жумушум чыгып калды" деп суранып чыгып белгиленген паркка эрте келип күтүп эки жакты карап турса, Атыркүл келатыптыр. Ал отургучка отуруп калганда арытан Сейит келип калды. Экөө учурашып сүйлөшүп калышты. Нурлан алыстан карап туруп: "Жаман эмес, көрүнүшү дурус эле экен, сүйлөшө берсин" деп ойлоп кетип калды. Ошондон баштап Атыркүл жасанып, түзөнө баштады.

Анын мындай абалын көргөн Нурлан бир күнү:

- Атыркүл, Сейит кандай жигит экен, жактыбы сага? - деди жылмая.

- Эмне дейсиз? - Атыркүл аны таңгала карап калды.

- Сейит кандай жигит экен дейм.

- Кайдан билесиз аны? - Атыркүл кайра өзүнө суроо берди.

- Мен баарын билем, демек эми үйгө кете берсең болоор?

- Эч жакка барбайм, иштегени жатам.

- Анда башка батирге кирип ал, ээ?

- Эмнеге?

- Бат-бат жолугуп турганыңа жакшы болоор дейм да?

- Жок, мен эч жакка барбайм! - Атыркүл адатынча таарына кетти, - Сейит менен сизди унутуш үчүн гана сүйлөшүп жүрөм.

- Мисалы-ы, ал мага жакты.

- Кантип?

- Симпатичный жигит экен, студент, жакшы үйбүлөнүн баласы окшойт.

- Аны кантип билдиңиз?

- Ушинтип эле, абдан маданияттуу…

- Ушунча сынчысызбы? - Атыркүл каштарын кере көзүн бакырайта карап калды.

- Сынчы деле эмесмин, көрүнүп эле турбайбы?.

Нурлан муну айткан менен өз ичинде: "Демек сулуу кыздарга кимдин көзү түшпөйт? Балким, бул аны же башканы сүйүп калаар. Мейли, өзү билсин, иши кылып бактылуу болсо болду" деген ойдо турду.

Күндөр өтө берди, Нурлан Гүлзат деген кыз менен таанышып, экөө жолугушуп жүрдү.

Бир күнү экөө паркта отурса өзүн көздөй Кайыргүл күлүп келе жатат.

- Оо-ой кандайсың, Нурлан?

- Жакшы, өзүң жакшы жүрөсүңбү, күйөөң кандай?

- Ой ал жок, ажырашып кеткенбиз… - Кайыргүл мостойо туруп калды, - Өзүң үйлөндүңбү?

- Жо-ок…

- Алигиче бойдок жүрөсүңбү анан? - Кайыргүл күлө карады.

- Бойдокмун, а-аа баса таанышып койгула, бул менин классташ жердешим… - деп Гүлзатка карады.

- Кайыргүл, - деп колун сунду ал.

- Гүлзат.

- Нурлан, мен кетейин анда, эгер жолуккуң келсе телефонум мына, - Кайыргүл номерин жазып берип кетмек болду.

- Жакшы, анда көрүшкөнчө.

Нурлан баягыдан да сулуу болуп өңүнө чыгып толуп калган Кайыргүлдү узата карап туруп: "Жакшынакай келин болгон экен. Эмнеге ажырашып кетти?" деп ойлуу турганда Гүлзат аны түртө:

- Сизге эмне болду анчалык, классташыңызды аябай сагынгансыз го? - деди жылмая.

- Жакшы кыз эле, күйөөсү менен эмнеге ажырашты экен? - деп дагы эле ал кеткен жактан көзүн албай карап туруп, анан, - Кечирип койчу, Гүлзат, - деп аны колтуктай басты.

- Жигиттер сүйлөшүп жүргөндө баары эле бирдей болушат, жашай келгенде аялдын кадырына жете алышпайт.

- Чоң энедей акылың бар го? - Нурлан күлө карап койду.

- Канчалык акылдуу болсоң да жигиттердин алдында алсыз болуп калат экенбиз да кыздар, сүйбөй турса деле ага жалынып-жалбарып, өзүбүздү жеңил кылып алабыз.

- Гүлзат, ата-энең барбы?

- Жок, таенемдин колунда чоңойдум, - Гүлзат аны карай суроолуу, - Сиздин ата-энеңизчи?

- Менин ата-энем да жок, апам мен кичинемде кетип калган экен, дайын-дарегин да билбейм, "балам бар эле" деп издеп да келген жок.

- Аа-а. Менин апам башка күйөөсү менен жашайт, мен ага барбайм. Таенем мени колунан келишинче багып чоңойтту, анын неберелери бар, мен иштейм деп баса бергем.

Экөө көпкө чейин сүйлөшүп басып жүрүштү.

- Гүлзат, таенең менен тааныштырбайсыңбы?

- Койуңузчу, эмне деп ойлойт ал.

- Эмне болмок эле, сен мага жактың, экөөбүз үйлөнүп калсак…

- Билбейм, - Гүлзат жер карап калды.

Анын апасы Кундуз, күйөөсү катуу уруп койуп үйүндө жаткан.

- Гүлзат, кандай дейсиң, тааныштырасыңбы таенеңе?

- Болбойт.

- Эмнеге?

- Ошого.

- Жо-ок, экөөбүз азыр ээрчишип барабыз да, мен сага үйлөнөөрүмдү айтам.

Нурлан анын ой бойуна койбой эле макулдатып алды.

- Нурлан, - деди Гүлзат аны тике карап, - үйдө оорукчан эжем бар, ошол сакайып күйөөсүнө кетсин, анан барасың.

- Болбойт, бүгүн барабыз.

- Макул, - Гүлзат аргасыз макул болду.

Алар өтө начар жашашчу, ошондон улам ал тартынып турган. Экөө ээрчише таксиге отурушту. Гүлзат шаардан алыс тоо этегиндеги айылдын четиндеги эскирип, сыртынын куму жаанга жуулган үйдүн жанына токтотту. "Өтө эле начар турушат тура" деп ойлоп алды Нурлан. Таксистке:

- Күтө туруңуз, кайра кетем, - деди да Гүлзаттын артынан үйгө кирди.

Абдан карыган кемпир төрдө отурган экен, жанында бети-башы көгала болгон оорулуу аял жатат.

- Саламатсыздарбы? - Нурлан кирип эле салам айтып туруп калды. Төшөктө жаткан аял башын көтөрө обдулуп барып кайра жатып калды.

- Кел айланайын, келе гой, - Кемпир ага карап төр жакка колун жаңсады.

- Апа, бул бала менин агайым, - Гүлзат таенесине Нурланды атайын ошентип айтып койду.

- Ийи айланайын десе, - деп тим болду кемпир..

Нурлан үй ичин айланта карап, эптеп-септеп жашап жаткан бул үйбүлөгө боору ооруй ички үйдүн төрүндө илинип турган сүрөттү көзү чалды, ал ачылган каалгадан көрүнүп турду: "Кайдан көрдүм эле? Мага тааныштай көрүнөт, балким окшоштуктур" деп көзүн албай отуруп калды. Ал атасынын сүрөтүн көргөн эле Бообек байкесинин үйүнөн, ошого окшоштуруп жатты. Жанындагы аялды тааныбайт экен. Аңгыча Гүлзат дасторкон жайып чай сунду эле, ал кемпирге сунду.

- Ала бер балам, сен коноксуң, - кемпир оозун бүлкүлдөтө бирдеме чайнап жаткансып отура берди, өтө эле карып калыптыр.

- Эне, келиңиз чайга, - деди Нурлан ага карап.

- Жок балам, азыр эле ичкенбиз.

Нурлан унчукпай калды. Дасторкондо кара ундан жасалган нан, кумшекер, андан башка эч нерсе жок: "Бекер келген экемин да, Гүлзат ошон үчүн каршы болгон экен" деп ойлоп бир чыны чай ичти да:

- Гүлзат, үйдөгү сүрөттү көрсөм болобу? - деди.

- Кайсы?

- Илинип турган, кимдин сүрөтү?

- Аа-а, атам менен апамдыкы, - Гүлзат туруп барып сүрөттү алып келип берди.

- Атаңдын аты ким эле?

- Айбек. Мен көргөн жокмун, бойунда бар экенимде баса бериптир…

- Апаң кайда анан?

- Апам… апам… - Гүлзат таенесин карап туруп калды.

- Апасы мына, уулум, - деди кемпир үшкүрүнө, - Бул да шору көп да, жоош момун күйөөсүн чанып, ушинтип отурат!

Нурлан көзүнө жаш тегерене сүрөттү Гүлзатка сунду да коштошпой чыгып кетти. Артынан Гүлзат чыгып:

- Нурлан, Нурлан, сага эмне болду? - десе да унчукпай таксиге отуруп кетип калды.

Эчтеке түшүнбөй калган Гүлзат ызалана "Биздин начар жашаганыбыз жакпай калды го, жок дегенде коштошпой кетип калганы эмнеси? Деп үйгө кирип ыйлап жатты.

- Жакшы эле жигиттерге жолугам, жашаган үйүбүздү көрүп эле айнып кетишет, - деп тагдырына таарынып ыйлап, - Нурлан дагы ошондон айныды.

- Нурлан дейсиңби? - Кундуз башын көтөрө кызынан сурады.

- Ооба, Нурлан. Ал болбой таанышам деп келген. Азыркы жаштар жашоосун, ата-энесин көрүп анан үйлөнөт экен да, "апасы бул болсо кызы кайсы болот эле?" деп кетти да!

- Гүлзат, кагылайын кызым, ыйлабай дурустап айтчы, кайсыл айылдан экен, мен сага айтпадым беле, "Нурлан деген агаң бар" деп.

- Эмне дейсиз? - Гүлзат эми гана эстеп, Нурландын сүрөттү аябай карап атын сураганын көз алдына келтирди.

- Каякта калды эле ал?

- Кеминде калган, атаңдын колунда болчу. Кызым, аны тап, ал сенин агаң, менин балам окшойт, сүрөткө башка бирөө андай көңүл бурмак эмес! - Кундуз ордунан кыймылдоого аракет кылган менен таштай оор болуп кыймылдай албады, - Олдо шорум ай, "энең таштап кеткен" деп айткандардын сөзүн далай уккандыр. Эми мага келбейт ал, кечирбейт мени, - деп Кундуз да жатып алып ыйлап кирди.

- "Өзүң кылган иш, өз башыңа муш" деген ошо, чырактай баланы тууп койуп таштап кетсең, ал энеси жок ар кимден кагуу угуп чоңойсо сени кечирмек беле? Айбекке кеңешкени кеткендир, - деп карыган апасы Сырга кейип-кепчий сүйлөдү.

Гүлзат мостойгон бойдон отура берди: "Ырас эле башка бирөө менин атамдын сүрөтүн эмнеге көргүсү келмек эле? Демек, атамдын сүрөтүн тааныган экен" деп нес боло отурганда, Кундуз:

- Кызым, аны сөзсүз тап, жок дегенде сени караар бир тууган эмеспи, жардам берээр. Мен аны эми көрө албай калдым го, мени көргүсү келбей качты, - деп муңкана ыйлап жатты.

Алар ошентип отурганда Нурлан такси менен батирине келсе Атыркүл жок экен, үстөмөнүнөн түшүп жатып алып ыйлап жатты: "Ушунчалык оор абалда жашашат тура! Гүлзат бир тууган карындашым болуп калганы кызык. Атам да жашында өлүп калган, апамдын акыбалы тигил, барбай койсом эмне? Жок-жок, анда кеч болуп Гүлзатка үйлөнүп алсам кантет элем?" деп ойлоп жатып ордунан ыргып турду: "Ошол акыбалын көрбөсөм болот эле, көрүп туруп кантип чыдайм? Сөзсүз жардам беришим керек", деп ойлоп, алган айлыгын каткан жеринен алып чыкты да дүкөнгө барып ун, май, кантты алып, бир койдун бүтүн этин таксиге салып күүгүмдөп жетип барды. Жанында бир жолдош баласына:

- Сен киргизип бер, мени сураса "билбейм, жеткирип бер деген" деп кой, - деп өзү бери жакта кала берди.

- Кызык, эмнеге өзүң барбайсың? - деген Фархат үндөбөй жөнөдү.

Ал барып эшигине машина токтогондо Гүлзат жүгүрүп чыкты: "Нурлан байкем келип калдыбы?" деп чоочун жигитти көрүп унчукпай туруп калды. Фархат таксиден алып келгендерин түшүрүп берип эшигинин алдына ташып жатканда, Гүлзат:

- Ким алып келди буларды? - деди.

- Билбейм, жеткирип бер деди го?

- Анда алып кетиңиз кайра!

- Эмнеге? - Фархат кызды караңгыда көрө албаса да үнү назик чыкканынан улам кызыга карады, - Бирөө жеткир десе, бирөө алып кет десе, таң калаарлык, - деп ийнин куушуруп койуп таксиге отурду да жөнөй берди: "Ушул кызды жактырып калган го, начар жашаган немеге жардам берейин десе анысы намыстанып жатат окшойт" деп ойлонуп калганда такси токтоп Нурлан отурду.

- Ой, тигил үйдөгү кызың кайра алып кет дейт, баса бердим, - деп Фархат Нурланды карады, - Сен жардам берейин десең аның керсейет, куру намысчыл неме го?

- Аны эмне кыласың?.

Нурлан күңк эте жооп бергенде анын каш кабагынан түрүн байкап, Фархат унчукпай калды: "Таарыныша кеткен окшойт, сүйлөшкөн кызы экен" деген ойдо болду ал.

Нурлан үйүнө келсе Атыркүл жатып алды, ал баштагыдай ага сүйлөбөй калган. Анын келгенин көрүп:

- Тамак ичесизби, ысык тамак жасап койдум, - деди.

- Жок, кардым ток, - деп Нурлан төшөгүнө жатып алды: "Бул Сейитке күйөөгө тийгени калдыбы же ал муну эрмектеп эле жүрөбү" деп ойлонуп:

- Атыркүл, күйөө бала кандай, качан үйлөнөсүңөр? - деп сурап койду.

- Сүйлөшүп койсо эле үйлөнүш керекпи?

- Ананчы, сүйлөшүп жүргөндөн кийин үйлөнүш керек!

- Койуңузчу, сүйбөй туруп үйлөнгөндү кайдан көрдүңүз эле?

- Сүйбөсөң сүйлөшпө! - Нурлан жуурканга оозун басып алып күлкүсү келип быш этип алды, - Үйлөн де, же мен барып бурап койойунбу?

- Эмне деп?

- "Карындашымды эрмектебей үйлөн" деп.

- Ошо кантип болсун? - Атыркүл ары карап алып таарынгандай, - Сиз мени шакаба кылып атасыз го, ээ? - деди.

- Сени шакаба кылгандай душманым белең? Чын пейлим менен айтып жатам, кыйшаңдаса айтып кой, мойнун бурап койойун.

- Нурлан байке, аны мен сүйбөйм, жөн гана алаксыйм, - Улутунуп алды, - Мен сизди гана сүйөөрүмдү билесиз да?!

- ?

- Угуп жатасызбы?

- ?

- Нурлан байке дейм!

- Эмне болду? - Нурлан чоочуп кеткендей үн катты, - Уктап бараткан турбайынбы?

- Жалган, уктабай эле уккуңуз келбейт, мен сиз үчүн адам эмесмин, тоготпой басып жүрөсүз.

- Эмне кыл дейсиң?

- Жүрөгүңүз таш экен, ушунчадан сизди катуу сүйүп калганымды кара. Менин сүйүүмдүн жообу жок, барксыз сүйүү болду сиз үчүн, "кыз сүйсө калат, жигит сүйсө алат" деген сөз туура экен, - Атыркүл солкулдап ыйлап жатты, - Мен эми сизге жалдырабайм, эртең айылга кетем!

- Чын элеби?

- Ооба, эртең кетем. Айылга барып жинди болсо да күйөөгө тием, сүйүүдөн тажадым!

- Атыркүл, капа болбочу эми, мен байкем менен жеңемден уялып жатам, үйүңөрдө жүрүп кызын алып алсам, эл эмне дейт?

- Элдин кандай иши бар? Аны шылтоо кылбай эле койуңуз, көңүлүңүз жок, эч болбосо көз ирмемчелик мен жөнүндө ойлосоңуз бактылуу сезет элем өзүмдү.. .

- Атыркүл, сен капа болбо, айылга барсаң бар, - Нурлан ушул кезде боору ооруп кетти. - Сен дагы жакшы жигитке жолугасың, карындашым деп агаң катары катышабыз, сен аябай бактылуу болосуң.

- Мен бактымды сизден гана издегем, эми мага баары бир!

- Кой антпе, бактылуу бол!.

Нурлан ага төгүлүп, чачылып сүйүүсүн кабыл алып, Атыркүл менен бирге өмүр дайрасын кечип, тагдырын ушу кызга байлап, ачуу-таттуусу, ысык-суугу, өмүр менен өлүм коштой сыдырым жел менен кошо сызып өтүп жаткан тирүүлүктөгү жашоо деген чоң арабаны айдап жөнөгүсү келип турса да өзүн кармады. Кыз үн дебеди, кыязы ал ыйлап жатты, туруп барып аны сооротууга кудурети жетпеди. Ойлонуп жатып уктап кетти.

Эртең менен турса Атыркүл кийимдерин алып кетип калыптыр, жаткан жеринде алакандай кагазга кат жазып таштап койуптур.

"Нурлан байке, - деп баштаптыр ал, - Эгер менин сүйүүмдү кабыл алсаңыз артымдан үч күн ичинде барып калыңыз. Менин сүйүүм сиздин таш болуп каткан жүрөгүңүзгө дагы эле жетпесе, анда мен бул жашоодон аруу сүйүүмдү жүрөгүмө жашырган бойдон кете берем! Мен үйгө барбайм, Бишкек шаары, Панфилов көчөсү 71де болом. Атыркүл".

деп кыскача жазып койуптур. Көз алдына Салый келди, анын ыйлап отурган апасы, атасы... Ушуларды ойлонуп, бүткөн бойу дүр дей түштү: "Мынчалык катуу болбосом болмок. Кой, мен ага барбасам өлүп калышы мүмкүн. Артур байкем менен Шайыр жеңемдин көз жашын төкпөйүн" деп ойлонуп жумушуна келди. Ал күнү бирде оор абалда жаткан апасын, бирде өзү үчүн өлүмгө бел байлап турган Атыркүл көз алдына келе берип, жумуштан башы ооруп чыкты. Адегенде апасын ооруканага алып келмек болду. Карып калган таенесин аяды. Бойго жетип калса да жупуну кийинип, иш таппай жүргөн карындашына жүрөгү ооруп такси жалдап барып Кундузду ооруканага алып келип жаткырып, врач менен сүйлөштү. Көрсө аны күйөөсү аябай сабап койгон экен, коркунуч жок экенин угуп көңүлү тына түштү. Күнү кечке чарчаганга жатып эле уктап кетти. Эртеси туруп жуунду да Атыркүлгө жөнөдү. Аны терезесинен көргөн Атыркүл курбусу Айжамалды чыгарды.

- Сиз кимге? - Айжамал узун бойлуу, кашы калың, кара көз сулуу жигитти көрүп суктанып алды, - Биздин кыздардын сиздей сулуу жигити жок эле?

- Атыркүлдү айтып койосузбу? - Нурлан колундагы кармаган гүлүн ылдый кыла сурады. - Эгер чыкпаса кете берейин.

- Азыр айтып койойун.

Айжамал кирип кетти. Бир топтон кийин Атыркүл чыгып өзүн көздөй басып келе жатканда:

- Куттуктайм, туулган күнүң менен! - деп Нурлан ага кучак гүлдү сунду.

Чынында Атыркүл туулган күнүн да унутуп калган эле.

- Рахмат, а бүгүн канчасы? - деп күлүмсүрөй сурап койду кыз.

- Он жетинчи август!

- Ой иий, сиз унуткан жок белеңиз? - деп Атыркүл жоодурай карап туруп калганда Нурлан аны биринчи көрүп тургандай күлүмсүрөй тура берди.

- Мен унутпайм, Атыркүл. Сендей эрке талтаң кыздын туулган күнүн кантип унутам? - деп кучагын жайганда Атыркүл ага бойун таштап, көзүнүн жашы он талаа болуп:

- Келдиңизби? Чын эле мага келдиңизби?! Кучак толгон сүйүүм сиз үчүн ашып-ташып турганын чын эле сездиңизби?! - деп ыйлап, бекем кучактап алып тура берди.

- Келдим садага, келдим сага, сенин кучагың толгон сүйүүңдү өзүм аздектеп алайын дедим!.

Экөө көпкө чейин бири-бирин бекем кучактап тура берди. Анан бир маалда Атыркүл:

- Сиз атамдарга барасызбы? - деп сурап калды.

- Эмнеге?

- Жөн эле.

- Барам, жумуштар чыгып калды… - Нурлан ойлуу анын көздөрүнө тигиле карады, - Менин азап-тозогума кайыл болуп, ысыгыма күйүп, суугума тоңууга чыдай албай жүрбө?

- Эмнеге, мен баарына кайылмын, чогуу кезип, деңизди кечип, ызгаардуу бороондо калсаңыз да бирге болууга даярмын!

- Мен сени көкөлөтүп багып алууга сөз берем! - деп экөө бири-бирине сөз берип турду.

Айрыкча Атыркүлдүн соолуган гүлдөй бозоргон жүзү албырып, ушул мүнөттөрдө бактылуунун бактылуусу болуп турду. Батирине келишип, Нурлан көңүлү жайлана: "Мендей жетим балага күйүп, бышып сүйүүнүн кереги эмне? Артур байкем мага жардам берет, арка-жөлөк болот. Атыркүл жакшы келинчек болуп, апамды сыйласа болду" деген ойдо жүрдү. Экөөнүн көз караштарынан эле мамилеси жакшырганын сезген Артур үндөгөн жок. Ал ошол күнү көнгөн адатынча ойунга катышканы келген. Көптөн бери катышпай койсо достору аны болбой чакырып, "Нурланды ала кел" дешкен эле. Нурлан каршы болбоду, анткени ага акча зарыл керек болуп турган. Экөө келишсе Москвадан да келген адам бар экен, эки өзбек, эки казак келишиптир. Алардын баары Нурланды угуп, аны сынап көргүсү келгенин айтышты. Баягыдай эле жашыруун үйдө ойун башталды. Үчкө бөлүнүп ойношту, ортолорунда миллион сом бар экен, каныккан ойунчулар Нурланды көрүп, аны ойунга салды. Керимбай деген казак: "Ээ бул мадырабаш боз бала турбайбы, даңаза кылганыңар ушубу?" - деди таза кыргызча сүйлөп. Буларды кызыгып карап тургандар чын эле Нурланды баласынтып жатты: "Он алты жашымда канчаны чүкөдөй оңко түшүргөмүн, азыр жыйырма төрттөмүн, кудай колдоп берсе баарыңды кур жалак калтырамын" деп ойлоп, Нурлан карышкырдын бөлтүрүгү сымал тикирейе карап туруп калганда кээси: "Бул баланын көзү тирүү, сүрү жолборстукундай экен", деп сестенип калышты. Ошол күнү Нурлан миллионду утуп чыкты. Оюнчулар ызылдап, аз жерден уруш чыгып кете жаздады. Артурдун да жолу болуп, утушка ээ болду. Экөөнө чычалагандар кайра ойноду, дагы жеңилди. Артур акырын Нурланга көзүн кысып койду эле, ал акчаны алып чыгып таксиге отуруп жөнөй бергенде экөө-үчөө аны ээрчип кууп жөнөдү. Таксист артын улам карап коркуп калганда Нурлан таксистти карап: - Артка жылыңыз, - деди эле, ал рулду бошотуп артка жылды да:

- Сен бандит окшойсуң? - деди корккон түр менен.

- Басып кал үнүңдү, андан көрө бул жакка өт. Эгер атып ийсе башың кетет! - деди эле, ал жанталашып Нурлан отурган орунга өттү.

Эшикти ачып жапчы, бош экен, - деди Нурлан аны карап.

Ал эшикти ачып, кайра жапмай болгондо Нурлан аны түртүп жиберди. Ал тоголонуп кетти эле, каалганы эңкейип катуу жапты да зымырата айдап жөнөдү. Артын караса бир машина келатыптыр, бири тигини Нурлан экен дедиби, кала бериптир. Нурлан эми тигини адаштырууну ойлоп круговойго келгенде үч-төрт тегеренип туруп өтүп бараткан машиналардын арасына кирди да, бир буйтка жерден бурулуп кетти. Светофорго карабай өтүп кеткенде тигилер адаша түштү, анткени алар адашып калганда Нурлан быты-чыты майда көчөлөргө кирип кетти да, бир жерден машинаны таштап жөө жолго чыгып таксиге отурду, жетип алып акысын берип үйгө кирсе Атыркүл аны күтүп туруптур.

- Үйгө кирип муну кат да, жата бер! - деп кайра шашып Артурдан кабар алганы тааныш үйгө барды.

Ал сыртынан акырын тыңшаса эч дайын жок. Артур аерден алда качан кетиптир. Кайра келди да, түндөп таенеси турган үйгө келди. Аларды көргөн Сырга:

- Айланайын, караңгыда эмне кылып жүрөсүңөр? - деди чоочуй.

- Жөн-жай эле, таене, чоочубаңыз. Сизге кеңешейин деп эле келдим. Эртең шаардан Гүлзат менен Атыркүл сатып алганга үй издесин, биериңер болбойт, - деди жай гана.

- Аа-а садагаң кетейин, Гүкүмө жакшы болбодубу, - деп умсунуп алды.

Нурлан үйдөн чыкпай жатып калды. Бир жумадан кийин келишкен үй сатып алып, көчүрүп кетти. Кундуз абыдан айыкканча ооруканада жатып чыкты. Нурлан Гүлзатты Дордой базарына чыгарып койуп, Атыркүлдү айылга жөнөттү. Артур үйдө эле экен. Аны кысмакка алганда ал мойун бербей: "Нурландын кайда экенин билбейм, ойундун баардык шарты аткарылды, силер туура эмес кылдыңар, өзүңөр чакырдыңар, болбосо мен алда качан бул ойундан кеткем, таза ойун болду. Акчаны ал уурдап алган жок, утуп алды" деп досторун чакыртып, ортого салып жатып тым-тым болуп калыптыр. Бирок ал деле эки жакка чыккандан коркуп калган экен. Атыркүл келгенде аны көрүп сүйүнүп кетти:

- Нурлан аман-эсенби?

- Ооба, ал жашынып жатат, сизден кабар алып кел деп жиберди, - дегенде анын көңүлү жайлана түштү.

Атыркүл кийим-кечесине ороп, беш жүз миңди ала келген.

- Эми коркпой койсо деле болот, бирок алардын ичи ачышып калды. Бир-эки жыл алыс жакка кетиш керек.

- Кантип, каякка барат?

- Үйдөн чыкпай койсун, - деди ойлуу.

Нурлан менен Атыркүлдү шаардан ЗАГСка барып үйлөнтүп, чакан той өткөрүштү.

Кундуз кызы Гүлзат экөө Нурландын Атыркүл экөөнүн бактысын тилеп, конокторду кубанычтуу тейлеп жүрүштү.

Нурлан үйлөнгөндөн кийин үйдөн чыкпай жата берди. Атыркүл менен Гүлзат соода кылат. Сырганы үлпүлдөтө аппак жоолуктан салып кийинтип койгон.

Кундуз бир кездеги каталыгын эстеп өзүнчө ойлонуп уулуна тике карай албай жүрдү.

Нурлан артынан киши түшкөн-түшпөгөнүн билбей кыжаалат болуп жатып уктап калган экен, баягы өмүр менен өлүмдүн ортосунда алышып жатып көргөн түшүн кайра көрүп жатыптыр: "Балам, эми жолуң ачык, бир чоң балээден кутулдуң, эми жөн жүр, эгер дагы ошол жолго түшсөң сен өлөсүң" деп көздөн кайым болду аксакал карыя. Ойгонуп кетсе түшү экен. "Кудайга шүгүр. Кутулган экемин, эми эч качан ойнобойм" деп ойлоп мыйыгынан жылмайып алды: "Кызык, эмнеге колума алсам эле утуш келет?" деп ойлогон менен жооп табалбады. Экинчи кабаттын терезесинде ойлуу турган Нурлан өткөн өмүрүн көз алдынан өткөрө сыртты тиктеген менен, ойу башкада болуп телмирип тура берди: "Эмнеге аялдар өз баласын таштай качат, ошол баласынын томсоруп, кор болуп өсүп жатканын сезеби, же сезбейби, алар мерез аялдарбы?" деген тейде өткөнүнө өкүнүп, Кайыргүлгө деген таза махабатынын айтылбай ичте калганына жүрөгү "зырп" этип алды…

***

Нурлан убакыттын өтүшү менен баардык нерсе унтулуп өз ишине киришти. Кундуз андан тайсалдап батына албай жүрдү. Сырга кемпир сексен тогуз жашта экен, жаш баладай, таңдан кечке отура берет, кээде гана Кундуз менен кобурашканы болбосо, үргүлөп уктап жатканы же ойгоосу билинбейт.

- Кундуз, жашыңда эселек кыздай жеңил болдуң, ушул баланы таштап баса бердиң эле, атасы да өлүп тоголок жетимдин күнүн көрүп өсүптүр, сүйлөш аны менен өзүңө тарт, мээримиңди төк, Нурлан акыл-эстүү болуп өсүптүр, аны өзүңө тарт кызым, - деди бир күнү отурган калыбынан жазбай.

- Ошону ойлонуп эле турам, батына албай жатпайынбы апа, күнөөлүүмүн анын алдында, тырмактайында таштап кетип кандай күндү көргөнү менен ишим болбоду, эми кечирим сураймынбы?

- Кечирим да сура, балаң катары имер, бооруңа тарт!

- Ошентейин, - Кундуз ойлуу апасына чай сунду.

- Ал сени кечиргени үчүн минтип карап отурат, кандай болгон күндө да ичиңден чыккан балаң, ага сенин жылуу мээримиң, камкордугуң керек, жашында көрбөгөн, укпаган жакшы сөздү эми ага айтышың керек. Сенин багыңа ушунун адам болуп калганына шүгүрчүлүк кыл кызым. Эне бала сүйлөшүп көпкө отурушту. Сырга ушунчалык жашка келсе да акылынан айный элек, баскан-турганы тыкан, алдына койгонду өзү алып ичет. Отуруп, турса жаратканга жалынып: "Ээ жараткан, өмүрдү узак бердиң, эми өлүмдүн жакшысын берегөр, жамбашым жерге тийип төшөккө жатпайын, жүгүрүп жүрүп, мүдүрүлтүп алагөр, неберем Нурланга узак өмүр бер, Гүлзатка бак бер жараткан, көрчүмдү көрдүм, жарыкчылыгыңдын ачуу-таттуусун таттым", деп күбүрөнө берет. Нурлан эшиктен кирип эле Сырганын жанына келип:

- Таене кандай анан, зерикпей отурасызбы? - деп жылмая тизесине колун койо үңүлө карады.

- Ээ кагылайын десе, мен зерикпейм, силердин бактылуу болгонуңар мен үчүн кубат, дем эмеспи, - деп, Сырга тиши жок ээгин бүлкүлдөтө сүйлөгөндө, жүзү жылмайгандай көрүнсө да бозоруп, соолуган булактай жылтыраган көздөрү, кабат-кабат тырыштары анын далай оор турмушту башынан өткөргөнүн сезип жүрөгү ачышып кетти.

- Сизди эртең бир концертке алып барып, оюн көрсөтпөсөм, - Нурлан күлүп апасын карады. Эртең Гүлзат менен Атыркүлдү жумушка чыгарбай эле коюңуз, таенемди алып, чогуу көрүп келели, айтыш болот экен.

- Макул кагылайын, - Кундуз тартына бош унчукту.

- Ыя апа, мынчалык эмнеге батымыңыз жок, мен сиздин балаңызмын, керек болсо буйрук бериңиз, туура эмес иш кылсам урушуп, тилдеңиз. Нурлан Кундуздун жанына келип, карыдан ала жүзүнө тике карады. Мен башка бирөөлөрдүн жемесин угуп, муштумун жегенде да өлгөн эмесмин. Сиз өз энемсиз, сиздин урушканыңызды, тилдегениңизди, мээрим чачып, мага карап сүйлөгөнүңүздү сагынгамын. Кандай гана күтпөдүм дейсиз, бир күнү мени эстеп кирип келеби деп күткөнүмчү? - дегенде, Кундуздун оозуна сөз кирбей көзүнүн жашы төгүлүп кетти, Жүрөгү ийне менен сайгылагандай тыз-тыз этип, уулунун жүзүнө тике карай албай:

- Кечир уулум, кечир мендей акылсыз энеңди - дегенге зорго жарады.

- Жаш болгонсуз да-а апаке, менден кечирим сурабаңыз, эгер мурдараак билгенимде жакшы болмок экен деп, өзүмчө өкүнүп жүрөм. Нурлан ойлуу апасынын жанынан ары басты. Эне деген кандай болот болду экен деп, башкалардын энесин көргөнүмдө элестей алчу эмесмин, укканым шоркелдей жетим, шүмшүк, арам тамак деген сөздөр болду. Мына эми чоңойдум, ошентсе да эненин мээрими керек экен, сиздин үнүңүздү, эркелете караган көз карашыңызды күтөм, менден тартынбаңыз, сизди таап алганыма бактылуумун, апаке?!

- Кагылайын ай! - Кундуз отура калды. - Мени бычаксыз өлтүрдүң го балам, ушундан көрө көзүңө көрүнбөй өлүп тынбай не болдум, ансыз да уятымдан өлүп кала албай жердин катуулугу, жандын таттуулугунан зорго жүргөндө…

- Апа, андай дебеңиз, сизди көзүмө көрсөткөнүнө кубанып жүрбөйүнбү, мен сизди төбөмө көтөрүп багам, ак сүтүңүздү актоого аракет кылам! - Нурлан Кундузга жетип өйдө кылып кучактап калды. Экөө көпкө чейин ыйлап жатты. Булар жолуккандан бери чогуу жүргөн менен чечилип сүйлөп, сыр бөлүшкөнү, көңүл өксүсүн толтуруп, ички бугун чыгарып турганы ушул эле. Эне, бала кучакташып турганда сырттан Атыркүл менен Гүлзат келип калды, делдейе экөө бири-бирин, кайра тигилерди карап турганда Сырга:

- Айла-анайындар десе, чарчадыңар го, делдейбей бери кире бергиле, эне, бала өздөрүнчө ички бугун чыгарып алышсын, - дегенде гана Нурлан Гүлзатка карап:

- Менин ушундай сулуу карындашым бар туура, садагам менин, сен менин ак жолтоюм болдуң, сен болбосоң кантип табат элем? - деп Гүлзатты да апасына кошо кучактап чекесинен өптү.

- Гүлзат экөөбүз бүгүн абдан кубанып келсек эле силер ыйлап жатыпсыңар, коркуп кеттик, - Атыркүл күлүп калды.

- Кандай кубаныч эле, айта койгулачу, биз дагы бирге кубаналы? - Нурлан ага жылмая карап шаштырып кирди. Кандай кубаныч экен?

- Кызыбызга куда түшкөнү жатышат, - Атыркүл Гүлзатты караганда ал уялып жер карады.

- Ким экен ал? - Нурлан жылмаюусу жоголо аялын суроолуу карап калды.

- Чоочуп кеттиң да Нурлан, абдан жакшы адамдар, колунда бар, жигит болсо окуйт экен.

- Кайдан таанып жүрөсүң?

- Жеңеси базарда отурат, кайната-кайненеси колунда бар, кызматта жүрүп, пенсияга чыккан экен.

- Көрөбүз да, - деп койду Нурлан. Ошону менен сөз бүтүп, чогуу дасторкондо отурушту.

Гүлзат Асек менен жолугуп, сүйлөшүп жүргөнүнө көп эле болгон, кыргыздын салты менен алабыз деп жеңеси аларга бүгүн келээрин айткан эле. Нурлан ойлонуп жатты: "Гүлзат өзү сүйсө мейли, окутуп коюшум керек эле, мейли бактылуу болсун, ошентсе да бир ооз өзүнөн сурап көрсөмбү?" деп ойлоп Гүлзаттын бөлмөсүнө кирди:

- Гүлзат, өзүң билесиңби ал жигитти?

- Аке…

- Эч тартынба, мен сенин ыйлаганыңды көргүм келбейт. Бактылуу болушуңду каалайм, чыныңды айт, мындай эле айтып жатабы же өзүң сүйлөштүң беле, менден жашырба садага, - Нурлан карындашынын жанына отуруп далысынан таптай өзүнө тартты. - Сен бактылуу болсоң менин бактым.

- Аке, Асек экөөбүз сүйлөшкөнбүз, - деди жер караган бойдон Гүлзат акырын.

- Андай болсо камынышыбыз керек экен, көзүңдүн жашын агызбай турган болсо болду, - деп ээгинен ала өзүнө каратты да көздөрүнө тигилди. - Ишенесиңби ага?

Гүлзат башын гана ийкеди.

- Болду, ишенсең эле болду, адамды ишенич алдабайт, бактылуу бол садага.

Чекесинен өөп коюп, кайра чыкты. Өз бөлмөсүнө киргенден кийин Атыркүл моюнуна асыла кетти.

- Кечке чейин сагынып кетем жөн эле, үйгө келгенде да көңүл бурууга чолооң жок?

- Атыр, сен мени түшүнчү, сага көңүл бурбай кантип коймок элем, андан көрө айтчы, Гүлзаттын жигитин сен көрдүң беле?!

- Көргөмүн, узун бойлуу абдан жакшынакай жигит, аты Асек, быйыл окуусун бүтөт экен, эмдиги жумада сөйкө салабыз дейт, даярданып жатышыптыр.

- Мм, демек сен аларды жеңе болуп сүйлөштүрүп жүргөн экенсиң да, азыр мен сага көрсөтөм! - деди эле Атыркүл аны таңгала карап калды. - Кана кантип сүйлөштүрүп жүрөсүң ыя? - Нурлан Атыркүлдү жерден так көтөрүп алып диванга алып барганда гана ал күлүп ийди.

- Жинди, коркуп кеткенимчи.

- Коркпо-о жаным, мына минтип көрсөтөм сага! - деп өпкүлөп жатып калды.

- Ушунча да коркутасыңбы? - Атыркүл таарына тултуюп жазылбай көпкө кыйнады, анан экөө көпкө чейин эркелешип, махабаттын таттуу даамын татып, төшөктө оонап жатышты.

Кундуз көзү илинбей шыпты тиктеп жата берди, өткөнүн эстеди, уулунун айткан сөздөрү көкүрөгүн өйүтүп чырым этип көзү илинбеди: "Курган жаным, Айбектин да убалына калдым, жоош, момундугунан өзүм билип басып кетпегенде ал өлбөйт беле, баламдан мындай сөз укпайт элем, ал дагы кордук көрүп өспөйт эле" деп ар кайсыны ойлоп жатып, таң аппак атканын сезбей да калды.

Нурлан апасынын корунганын көрүп жүрөгү ооручу болду, көңүлүн көтөрүп, кадырлап алууга даяр турду. Ошол күнү алар чогуу театрга барып айтышты көрүштү, Сырга барбайм десе да болбой ээрчитип алышты эле, кийин кубанганын айтпа:

- Кагылайын Нукеним алып барбаса кайдан, канча жылдан бери артис көрбөй калбадым беле, абыдан жакшы болду да, өчөөрүмдө бир курсант болуп алдым, - деп Нурландын колунан кармап алып өөп-жыттап жатты. Жамандык көрбө кагылайын, кө-өп жашап, бала-чакалуу бол, өнүп өс. Сырганын сөзүн уккан Атыркүл Нурланды көз кыйыгы менен карап койду эле, ал көзүн кысты, экөө астыртан көздөрү менен сүйлөшүп жымыңдап тим болду.

- Таене, эми биздин балабызды көрсөңүз кайра жашарып каласыз да? - Нурлан Сыргага карап күлдү. Анан экөөңөр балдарымды багасыңар да?

- Оо каралдым, эзилип бышкан алмадай зорго турам кагылайын, сенин балаңды көрсөм кана, андан көрө жүгүмдү салып бактырбай эртерээк эле кете берсем болот эле.

- Кой таене, кетпеңиз, азыр Гүлзатты күйөөгө берсек кудалардын сыйын көрөсүз, төрүбүздө сиз отурсаңыз кут өзү эле келбейби?

- Каралдым, өткөн өмүрүмдө жалгыз Кундуздун азабын тартып келдим, ушунумдун тайкы тагдыры мени көп кейитти, эми өз көзүм менен сени көрүп көөнүм тынды, жалгызымдын бактылуу болуп турганына жетине албай турам, силер аман болсоңор ушул бактылуу болот, сыйлап алгыла балам апаңарды, - Сырга эмшиңдеп барып токтоду.

- Кам санабаңыз таене, апамды өзүм карайм, ансыз да энеге зар болуп өстүм. Нурлан Сырганын колунан кармай эркелеп койду. Сиз жүзгө чыгасыз, анан дүңгүрөтө той берип, жүз жылдыгыңызды өткөрөм.

- Оо-ой каралдым десе, анча жашты көтөрө алаар бекемин? - Сырга тамырлары көгөрүп эти качкан арык колдорун Нурландын жүзүнө алып барды. - Ошол жашка сен чык кагылайын, өмүрлүү бол, - деп жээн небереси менен сүйлөшүп отурган апасын карап турган Кундуз жылмая басып келди:

- Апа, Нукен сени жүзгө чык деп жатабы?

- Ооба, капырай күн чыккандан батканга чейин өлгөн эмедей отура берем, мага мындан аркы өмүрдүн кызыгы деле болбой калды айланайындар, сенин муңайганыңды көрбөсөм болду, сен деп канча өмүрдү текке кетирдим, жетип-жетпей жашадык, эми мына Нукеним келип, эмне гана жок үйдө…

- Таене кайгыра бербеңиз, кудай буйруса Гүлзатымды жакшылап узатып алсак, ал бактылуу болсо баары жай-жайына келет, апамды эч качан муңайтпайм!

- Ошент каралдым, сени Кундуз ойлобой койду дейсиңби? Аргасы жок эле, балам жаман күйөөнүн азабын тартты, төрөбөй койдуң деп канча кордоду.

- Башында билсем кана, кор кылбай эле алып келип алмакмын! - Нурлан муштумун түйө ордунан турду. - Мурун эле бир жолу көрүнүп койсоңуз эмне…

- Ылаажым болбоду балам, оюмда эле турдуң, айла жок чыдап жүрдүм. - Кундуз улутуна сүйлөдү. - Колубузда жок эле, анын үстүнө тигил мага тыйын карматчу эмес.

Нурлан унчукпай калды. Гүлзат өзүнчө камынып, өзүнө жарашыктуу кийимди Атыркүл экөө алып, үйгө да кам көрүп жүрүштү.

Нурлан машина менен кетип жатып жол боюнда унаа күтүп турган Кайыргүлдү көрүп калды. Жанына токтогон машинадан ары жыла берген Кайыргүл Нурланды көрүп эмне кылаарын билбей калды.

- Кандай Кайыргүл, денсоолуктар жакшыбы? - Нурлан күлө кол сунду.

- Жакшы, өзүң кандай? - Кайыргүл жылмая учурашып туруп, анан өзү түшчү унааны күткөндөй жолду карап, тартынып турду.

- Кайыргүл, мүмкүн болсо бир жерге отуруп, жай сүйлөшөлү, өткөн-кеткенди, балачакты эстейли.

- Убактым жок эле, Нурлан… - Кайыргүл көзүн ала качып жооп берди. - Жолдошум күтүп калды го?

- Турмушка чыктың беле?

- Ооба, азыркы жолдошум түшүнүктүү. Жашоо деген ушул экен, Нурлан.

- Кайыргүл, дүйнө ушунчалык кең, ааламда канча адам, кандай гана жандыктар бар, бирок экөөбүз үчүн кең ааламдан азыраак убакыт табылбады, жок дегенде бир жолу кенен отуруп сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк табылбады го? - Нурлан Кайыргүлгө таарыныч кыла капалуу карады. - Бир эле жолу, бир азга…

- Макул Нурлан, капаланбачы эми, кайда десең да барайын, жок дебейин, - деп жиберди Кайыргүл.

Экөө бак ичиндеги барга киришти. Бир саамга үнсүз отурушкан соң алдыларына тамак келди, улам бири-бирине көз кыйыгын жиберип жатып, анан Нурлан сөз баштады:

- Кайыргүл, сени менен дагы жолукпай калам го деп жүрдүм эле, эмне дээримди да билбей турам. Балалык кезден сени канчалык жакшы көрсөм да бизге жол ачылбады, өзүң билесиң да жетимдигимден тартынып жүрүп, сага айтам деген сөзүмдү айталбадым, - Нурлан ойлуу столго чалкалай отуруп өзүнчө жылмайып алды. - Көрсө тагдырыбыз кошулган эмес экен, канча жолу эми сөзсүз айтам деп, айта албай убакыт өтүп, өзүңдөн айрылып калдым.

- Нурлан, кейигенде эмне, баары өттү. Сен деп жүрүп биринчи күйөөмдү сүйө албай ажырашып кеттим, анан сени үйлөндү деп угуп түңүлгөндө, жакында күйөөгө чыктым, - Кайыргүл дагы муңая көзүнө жаш кылгыра сүйлөдү. - Сенин оозуңдан бир сөз күтүп жүрүп…

- Кечир мени, Кайыргүл, - Нурлан келиндин колун кармап жүзүнө тигилди. - Кечир мени! Айтчы, эмки күйөөң жакшыбы?

- Жакшы эле… Жакшы болобу, жаман болобу, ага өз тагдырымды тапшырдым, жүрөгүмдүн эңсегени башка эле, кантейин, ушундай болуп калды. - Кайыргүл жашына мууна тамагын кылк эттирип калды. - Неге менин сени гана сүйөөрүмдү сезбедиң, неге бир ооз айтпадың??? - Эчкирип ийди.

- Кечир мени, Кайыргүл, - Нурлан ордунан туруп анын жанына жетти. - Мени кечир! - Эки ийинине колдорун коюп, жаагына жаагын тийгизди. - Кечир мени, аруу махабатым, жүрөгүмдө сен гана жашайсың, Кайыргүл.

- Ооба, болгону эки жүрөк эки жакта жабыр тартаар, өмүр өтүп бизге да күүгүм кирээр, бирок биз эч качан бири-бирибизди унутпайбыз. Махабатыбыздын аруулугу ушунда болсун. Эми экөөбүз тең алган жарларыбызды сыйлап өткөнгө аракет кылалы, бул биздин акыркы жолугушуубуз болсун, бизге ишенген адамдардын жүрөгүн оорутпайлы. - Кайыргүл ордунан туруп баратып улутунуп алды. - Эми коштошолу, биерден чогуу чыкпай өз-өзүбүзчө кетели.

- Ма-акул Кайыр, кош махабатым менин, жүрөгүмдө сакталып, элесиң менен атың өлгөнүмдө бирге кетет! - чекесинен сүйдү. - Кош, жаркыным, аман жүр!

- Кош Нурлан!.

Экөө кылчак-кылчак карап коюп, бири биринен узап баратышты. Кайыргүл солкулдап ыйлап, анын карааны алыстаганча уурдана карап туруп, анан өз жолуна түштү. Нурландын абалы андан да оор болчу. Ал эми да болсо аны ой-боюна койбой үйлөнүп алгысы келди, бирок өзүнө үйрүлүп түшүп, көздөрүн ботонукундай жайнатып, жаш баладай өзүн зарыга күтүп отурган Атыркүлдү аяды. Андан кете албайт эле. Артур дагы аны өз баласындай сыйлап, айтканын эки кылбайт. Кызы үчүн баарына даяр турган кайната-кайненесин ойлоду. Жан дүйнөсү сыздап, ушул ирээт эмне кылаарын билбей машинасын айдап кетип баратып алдыдагы машинаны сүзүп алды. Чоочуп кетип токтоп, түшүп жетип барса ал жаш жигит экен. Экөө ары сүрүлүп, бери сүрүлүп сөзгө келе албай, милиция жетип келип экөөнү бөлүмгө алып кетти. Арткы жарыгы сынып, кабырылып кетиптир. Айтканын төлөп берүүгө макулдашып, анан үйүнө келип акча алып, кайра алиги жигиттин дареги боюнча жетип барды. Эшикти ача койгон келин Нурланды көрүп эле:

- Келиңиз, келиңиз, - деди каалгасын чоң ачып. - Кириңиз.

- Жок, ушул үйдүн дарегин берди эле. Иниңизби, ким? - деп күлө карады. - Бир аз кокустук болуп, машинелерибиз кагышып, бересе болуп калдым эле.

- Эмне дейсиз, Асек экөөңүздөрбү?

- Атын да сурабаптырмын, - дегенде Асек чыга келди эле келин ага бурула:

- Ай бала, бул бала Гүлзаттын агасы да… - деп жиберди. - Кирсеңер боло, даам сызып кеткиле.

- Койчу?! - Асек башын кашылай туруп калды.

- Кой ботом, Атыркүл мага сүрөтүн көрсөткөн эле, ошондон таанып калбадымбы?

- Кечириңиз аке, билбестик… - Асек кызара эч нерсе дей албай туруп калды.

Нурлан да не дээрин билбей туруп:

- Жигит, мен шашылыш элем, мына макулдашкан чыгымды алып келгемин, - деп төш чөнтөгүнөн акчаны алып сунду:

- Жок-жок, тим эле коюңуз, жаңылыштыгымды кечириңиз, "тааныбасты сыйлабас" деген болду. Асек шашкалактап кетти. Тим эле коюңуз!

- Болбойт, мына ал!

Нурлан веранданын кырына коюп койду да бурулуп басып кетти. Кетип баратып: "Эмне деди, күйөө бала болчу жигит ушул тура, уят болдум, катуу ойлонуп кеткен турбайынбы" деп ойлоп, сабыры суз үйүнө келди. Гүлзат менен Атыркүл келе элек экен, ичке кирип жатып алып кайрадан ойго батты: "Кайыргүл, сен экөөбүздү кудай кошподу, армандуу дүйнөдө жашап өтө турган болуп, пешенеме жазылган туура, ардагым Кайыргүл, өмүрүм өткүчө сени эстеп күлүп, сени эстеп кайгырып да өтөөрмүн". Ооналактап жатып кайрадан Асекти көз алдына келтирди: "Жаман эмес, дурус жигит көрүнөт. Гүлзатты ыйлатпаса эле болду, жеңеси жакшы неме экен, уялып калды, ырас эле тааныбаса ошол да", деп туруп сыртка чыкса Сырга аны бир карап алып:

- Садагам, сабырың суз да? - деди.

- Таене, эч кабатыр болбоңуз, менин көңүлүм айттагыдай, - деп күлүп койду.

- Бирдеме ичесиңби, уулум? - Кундуз ичкериден үн катты.

- Кардым ток апа, таенемдин кардын тез-тез тойгузуп турсаңыз, карыган неме аздан, тез-тез ичип турсун.

- Берип эле жатам, таенең ачка болбойт. - Кундуз күлүп калды. - Апам сени айта берип эле тоюп калат.

- Алтын таенем бар да, сиз өлсөңүз булгаарыга ороп койом, таене. Азыр эмес, сиз дагы көп жашайсыз, макулбу?

- Мейли садага, ошентсең тиги дүйнөдө бир керилип жатып калайын. - Тарамыштары көрүнгөн колун өйдө көтөрө, жүзүн тырыштыра сүлкүлдөй күлгөн болду. - Булгаарыга ороп койсо сооп болот экен балам, аны сен кайдан билип жүрөсүң?

- Мен иштеген жерде шефтин атасы өлүп, ошону булгаарыга орошуптур, уккамын да.

Нурлан алаксымакка алар менен сүйлөшүп жатты: "Атыркүлүм турганына шүгүр кылайын, Кайыргүл менин арзуум, алгачкы балалык махабатым", деп ойлоно түштү да ары-бери басты. Аңгыча Атыркүлдөр ээрчише келип калды. Атыркүл Нурландын жанына келип:

- Сен эмне кылмыш кылып жүрөсүң ыя, болгондо да болочок күйөө баланы сүзүптүрсүң, - деди күлө.

- Аны кайдан уктуң? - Нурлан таңгала карады.

- Биз угабыз да. Этиет болбойт белең, өзүңө кокустук болсо эмне болот эле?

- Кудай сактасын.

Нурлан колун шилтей ары карап кетти эле Атыркүл анын алдына өтүп, акчаны көзүнө жакын алып барып:

- Акчаңды алып барып берди, "кечирип койсун, билбестик болуп калды" дейт, - деди.

- Анда эмне күнөө, чынында менден кетип калган, албай койбойт белең? - Нурлан аялын жактырбагандай карады.

- Болбой койду, мен деле айттым. - Атыркүл актана карады. - Акеси, мындан ары жолдо жакшылап жүр, сары санаа кылбай.

- Коркпо, - деп койду Нурлан.

Гүлзат үндөбөй кирип кетти. Ал агасынан ийменип: "Атамды көрбөсөм, агамды зорго таптым, эмдигиче эмне болмокпуз? Итке минип отурганыбызда саздан сууруп алды, бир агамды сыйлай албасам кантип болсун, агамды атамдай сыйлайын, мындан башка эмнем бар?" деп ойлой турган. Ошондуктан эч нерсе билбегендей кирип кеткен.

Гүлзатка бир жумадан кийин келип сөйкө салып кетишти. Ошондон баштап ал базарга чыкпай үйдө болуп калды. Кундуз төшөк-жууркан жасап, Гүлзат жардам берет. Көшөгөсүн өзү тикти. Арадан бир ай өткөндө Гүлзатты алып кетишти. Сырга эненин кубанычында чек жок, кары киши дал ошол мүнөттөрдө Гүлзаттын бактылуу болуп турганын көрүп бирде ыйлап, бирде тобо кылып отурду. Карынын алдына келип жээн кызы менен күйөө баласы бата тилешти.

Ошондон көп өтпөй токсон жашында Сырга бул дүйнөдөн өттү. Ызаат-сый менен, ырым-жырымын жасап жайына коюшту. Кундуз ыйлап-сыктап отуруп, акыры башка салганын көтөрүп, уул-кызынын амандыгын тилеп отуруп калды.

Убакыт өтүп, Атыркүл уул төрөдү. Нурлан кубанып төрөтканага гүл көтөрүп келип, уулунун көрүндүгүн берип, Атыркүлгө ыраазылыгын билдирип, ушул ирээт аны чексиз сүйүп турду:

- Атыр, уулубуздун атын ким койобуз? - деди эркелете мурдунан чымчый.

- Билбейм, - Атыркүл жылмая күйөөсүн карады. - Атамдарга сүйүнчү жөнөттүңбү?

- Ананчы, буйруса келип калышат.

- Нурлан, сен мени сүйөсүңбү? - Атыркүл Нурланды тике карап турду. - Ушул убакка чейин сенин сүйүүңдү, жалгыз гана бир ооз сөзүңдү күтүп келатам, балалык кылдымбы деп да ойлодум, бирок сенсиз жашай албасымды билип чыдап келатам.

- Атыр, койчу эми капаланбай, сени сүйгөнүм үчүн маңдайыңда турам, мына балалуу да болдук, сүйүү болбосо биз бирге болбойт элек да, туурабы? - Нурлан келинчегин бооруна кыса көздөрүнөн өөп. - Сенин мына бул бажырайган көздөрүңдү сүйөм, апакай жүзүңдү, бала кыял мүнөзүңдү, уктуңбу? - деди.

- Жалга-ан Нурлан, сенин жүрөгүңдө башка бирөө жашаарын жакшы билем, жаныңда мен турганым менен сенин ой-чабытың, көңүлүң башка жакта, ушул бүгүн сенден чындыкты талап кылам! - Атыркүл мостойгонунан жазбай суроолуу тигилди. - Кана айтчы чыныңды, качанкыга мен сага өз сүйүүмдү таңуулап жашайм Нурлан? - Атыркүлдүн үнү буулуга чыкты.

- Алтыным, жаным десе, мен сени гана сүйөм, сени! Уктуңбу, сенсиз өзүмдү бактылуу сезе албайм, эми уулубуз бар, бактылуубуз, жаным.

Нурлан келинчегин өпкүлөп, кучактап туруп, түшүндүрүп жатты. Көптө барып кана Атыркүл жаш баладай жарк этип күлө Нурландын көкүрөгүнө башын койо үнсүз көз жашын агызып солкулдап ыйлай берди.

- Эркем десе, дагы эле бала бойдонсуң. Эми балабыз бар, уят эмеспи уулуң менен кошо ыйлаганың, - Нурлан анын көзүнүн жашын аарчып жүзүнөн сүйдү. - Кана айтчы, уулубуздун атын ким койобуз?

- Билбейм, апам өзү билсин.

Атыркүл ушинткенде Нурлан аны жерден так көтөрө айлантып кайра жерге койду.

- Акылдуум менин, чын эле таята-таенеси келгенде, апам болуп чогуу атын койобуз, ээ?

- Ии-ии, - деп койду Атыркүл жарк эте.

- Эркем менин! Эмесе уулум ыйлап калбасын, кир эми, кечинде дагы келем, апам дагы барам деп жаткан, чогуу келебиз, макулбу?

- Мейли.

Атыркүл палатасын көздөй басты.

- Уулумду ыйлатпа макулбу?.

Нурлан колун көтөрө аны узата карап, анан жолуна түштү: "Эх секелек десе, ансыз дагы сеникимин го, неге түшүнбөйсүң? Ырасында жүрөгүмдө башка бирөө жашаарын сезип, сен дагы эзилип жүргөн экенсиң да. Жаш жүрөгүңдү жаралабайын алтыным, менин өмүрлүк жарым бир гана сенсиң!" деп толкундана жумушуна кетип жатты. Ошол күнү керээли кечке өзүнчө кубанычтуу жүрдү. Көз алдына бирде Кайыргүлдүн муңайым жүзү тартылса, бирде Атыркүлдүн бакырайган көздөрү тартылып, заматта көңүлү кирдей түштү: "Тагдыр, тагдыр ай" деп алды. Көптөн кийин өзүн колго алып: "Кой, минте бөргеним болбойт, Атыркүл туура айтат. Эми мен балам үчүн дагы аны сүйүп жашоого акылуумун" деп ордунан туруп үйүнө жөнөдү.

Нурлан келгенде үйдүн алдында үч машина турган экен, алардын бири Артур менен Шайыр эле. Аны таанып, ичке кирип баратып тааныш үндөрдү кулагы чала босогодон аттабай туруп калды:

- Нурланды өз баламдай өстүрдүм эле, кийинчерээк такыр каттабай кетти, анан балдарымды алып учурашып, келинимди көрүп келейин деп келип калдым.

Супакандын үнүн дароо таанып ичиркенип алды: "Ооба, өз балаңдай өстүргөнүң эсимде" деп ойлонуп туруп калганда өзүн көздөй басып келаткан дабышты уга калып, эми эле кирип келаткандай үйгө баш бакты. Ал Сапарбек болчу.

- Оо Нурлан, кандай иним? - деп кош колун суна бакылдап кирди ал. - Биз сени күтүп жаттык эле.

- Келгиле аке, көпкө күттүрүп койдумбу? - Нурлан да ага кош колун берип, жакшы кабыл алып ээрчише үйгө киришти.

- Садагаң болойун десе, зыңкыйган жигит болуп калган тура, качандан бери көрүшө элекпиз, кел кагылайын!.

Супакан Нурланга кучагын жая умтулду. Нурландын көз алдына бала кезиндеги уу тилин агыткан аялдын жүзү тартыла ичтен жини келип турса да улуулугун, аздыр-көптүр даамын татканын эстеп сыпайы гана жанына келип учурашты.

- Келиңиз апа, келип калыпсыз….

Сапарбек башын жерге салып отурду, апасынын Нурланды кордоп, каргап-шилеп үйүнөн чыгарып жибергенде, Артур калкалап калганына ал уялып турду.

- Айланайын, үйлөнүп, ал турсун балалуу болуп калыпсың, бир кайрылып барбай койдуң?.

Супакан калптан да болсо жан алы калбай Нурланга үйрүлө карап, чала-була көз жашы кылып отурду. Кундуз эмне демек, аргасыз келгендерди тейлеп кирип-чыгып жатты, абысыны какшанып дегеле жаагы тынбай сүйлөй берди. Артур менен Шайыр төрөтканага барабыз дешти эле Нурлан алар менен чогуу жөнөдү:

- Сиздер отура туруңуздар, биз бат эле…

- Кам санабай барып келе бер, биз эртең өзүбүз барып келин балага жолугабыз.

Сапарбек ага жооп берди. Алар чыгып кеткенден кийин Супакан:

- Ботом, дегеле бооруң таш экен, жаңы баскан баланы таштап коюп жоголдуң, кайним байкуш сенин азабыңдан эле ойлонуп жүрүп өлүп калды, - деди Кундузду жактыра бербей карап.

Кундуздун кымбат баалуу халатын, бутуна үй бут кийим кийип, жакшынакай болуп турганына ичи күйүп турган: "Ушунча баланы багып өстүрдүм, колумдан чор кетпейт. үстүнө кийгенин кара, багып-тигип койгонсуп эне болуп, эми сүлкүлдөп сый көрүп отурганын" деп ойлонуп.

- Эми кайнимден кийин тийген күйөөңдөн бала-чакаң барбы? - деди.

- Жо-ок жеңе, Айбектен кеткенимде үч айлык боюмда бар болчу, тийген күйөөм аны жактырбады, андан башка төрөбөдүм, ошол бойдон кызымды апам экөөлөп багып жүргөм.

Кундуз муңая унчукту.

- Капырай үч айлык боюңда бар экенин билсең эмне кеттиң? Балким ал кайнимден эместир…

- Койчу жеңе, жаштыгым жамандыгым да, билип туруп эле кеткем, Айбекке айткан эмесмин. Нурлан экөөнүн ортосу бир эле жаш болмок да.

- Кызың кайда эми?

- Жакында турмушка чыкты.

- Ий-и, аны да Нурлан бергендир да. Чоңойтуп эрезеге жеткирип койсо чыга калдыңар анан. Кандай гана мээнетим бар эле ушул Нурланда, баккан калып, тапкан ээ болот экен да, - дегенде Сапарбек апасына ачуусу келсе да аяр унчукту.

- Апа, ал эмнең эми, энесин тапканы жакшы эмеспи. Жакшы да, ушинтип адам болуп бир тууганын, апасын бириктирип отурат.

- Ооба, жакшы эмей, карында кеткен бала атасын издеп келет имиш. Нурлан деле ак-караны тааный электе калды да энесинен, ал үчүн чалым… - деп келатканда Сапарбек аны дагы нукуп койду.

Кундуз үн дебеди, ордунан туруп ашканага кеткенде:

- Өз балаңдай кылып жетимдигин билгизбей баксаң Нурлан үйдөн кетет беле. Артур акеге ырахмат, аны биротоло бала кылып алды. Болду, көп сүйлөбөй отур, - деди Сапарбек акырын.

- Айтам эле, өлтүрбөй баккан кишини айт. Карабай койсом ким билет, ушинтип энесинин маңдайында отурат беле же атасынын жанында болот беле? - деп силкинип койгондо Сапарбек анын кыялына нааразы боло эшикке чыгып кетти.

Кундуз кайра келип:

- Жеңе чай ичип отур, - деди.

- Ичтим.

Супакан кашын кере, көздөрүнүн кыйыгын Кундузга жибере оозун түйрүп койду эле, ал анысын байкамаксан болуп унчукпай калды. Ошондо ал өткөн бир күндү көз алдына келтире мелтиреп отуруп калды…

Айбек экөө жаңы келгенден эле Супакан жактырган эмес. Бообек инисин жакшы кабыл алып, аларга жанына эки бөлмө үй тургузуп берип, короосунан жандык энчилеп, уулун ары-бери көтөрүп жүрсө Супакан:

- Кудай гана бардыр ээ, кайдагы бир азып-тосуп келген эмеге бооруң ачып сүйүнүп, сүрдүгүп калдың да? - деп өзүнчө эле туураланып кирди.

- Супакан, андай дебе, өз энемди көргөнүм жок, эми бир тууганым келсе эмнеге боорума тартпайм? Көп сүйлөбөй камыңды көр, буларды өз үйүнө киргизип, элден бата алабыз, - деди Бообек.

- Көрөм, сага ошонун күйүп кетээрин, - деген Супакан ары көздөй басып кетти.

Бирок күйөөсүнүн айтканына каршылык кыла албады. Кундуз абысынын айтканына жини келип, кеткиси келип турду. Нурлан балтыр бешик бала эле. Кой союлуп ичеги артылып жатканда жардам берип жүргөн Кундуздун кылган ишин Супакан жактырбай кагып-силкип, анын жууганын кайра өзү жууп, кыялын көрсөтө берди.

- Дегеле бирдеме жасап көрдүң беле, өмүрү эчтеке көргөн эмессиң го? - деп алдындагы жууруп жаткан камырын тартып алып коңшусунун келинине карматты, - Ме, сен жууру, ушунун колунан келет дейсиңби, бар сен от жак!.

Кундуз унчуккан жок, сыртка чыгып очокко от тутантып жатып, көз жашын сыгып алды: "Эмнеге биякка келдим, Айбекти өзүң бара бер деп келбей койсом болмок экен", деп кайра сыр билгизбей жумуш кылып жүрө берди.

Эл чакырып, аларды туугандарына тааныштырып бата алып, үйгө өзү төшөнчү менен казан-аяк берип, тууган-туушкандар, коңшу-колоңдор алып келип үйүнө толтуруп берип Бообектин көңүлү жайланып калды. Өз үйү, өз короосу болгон менен, Супакан баары бир кирип-чыгып ар кайсыны сүйлөп, Кундузга асылганын койбоду. Айбек ошол күнү жумушка кирип үйдө жок болчу. Супакандын үнүн уккан Кундуз баласын көтөрүп сыртка чыга калса, ал бөйрөгүн таяна эшиктин алдында турган экен.

- Эмне болду, жеңе? - Кундуз аны таңгала карап сурады эле ал ого бетер аңкылдап кирди.

- "Эмне болду" деп! үйлүү болуп көчүгүң көтөрүлбөй калдыбы, барып бир жардам берип койсоң бирдеме болосуңбу ыя? Жетесизди жетелесең болбойт, көргөнү жаманды көтөрмөлөгөн болбойт имиш!

- Анчалык эле эмне болду жеңе, жумуш болсо балдарды эле жиберип ийбейт белеңиз.

Кундуз тарткынчыктай ызаланып жооп берди эле ал ого бетер аңкылдап:

- Ийи, сен эмне министир белең, балдарды жумшап чакыргыдай, өзүң барсаң өлөсүңбү? - деген сөзү жүрөгүн оорутуп унчукпай барып, керээли кечке кирин жууп берип, кечинде келди.

Айбекке даттанды эле, ал Кундузду жубатып тим болду. Ал өтө жоош болчу.

Унчукпай жүрүп, Кундуз акыры чыдай албай:

- Айбек, биерден кетели, - деди бир күнү.

- Кайда барабыз? Чакан болсо да үйүбүз турат, жумуш да таптым, жеңем акыры унчукпай калат, чыдай тур, - деп койду Айбек.

- Анда мен кетем!

Ушул жерге келгенде Кундуздун оюн Супакан бузуп жиберди.

- Ай, Кундуз, эмне, отурган жериңде уктап кеттиңби?

- Ии-ий, ойлонуп кеткен турбайынбы? - Жылмая абысынына карады. - Жеңе билесизби, ошол жерден кетүүгө да сиз мажбур кылгансыз, уу тилиңизди агытып, мага күн көргөзбөй асылып албадыңыз беле, сиз менен айтышып-урушуп тең тайлаша турган куракта эмес элем, жыйырма экидеги жаш келин, бирөөнүн эркелетип өстүргөн жалгыз кызы андайга чыдабадым.

- Койсоңчу, жадагалса там-туң баскан балаңа карабай кеттиң эле го? - Супакан мойнуна алгысы келбеди.

- Жетесиз деп кимди айтат? Жети атасын билбеген, никесиз төрөлүп, ар кайсы жерде жүргөндү айтат. Менин ата-энем тектүү жерден болгон, атам мен чоңойгондо эле өлдү, апам токсон жашка чыгып жакында жайына бердик. Уу тилиңиз менен жаш жүрөгүмдү оорутуп, жан чыдагыс абалга келтирсеңиз анан кетем да.

- Мейли-мейли эми, болсо болгондур, "абысын аңдышкан жоо" дейт, мен деле анда жаш элем да, - Супакан күлгөн болуп тим болду.

- Сиз болбогондо, ал жерден кетмек эмесмин….

Ушул учурда Нурландар кирип келди. Нурлан алдыда келаткан, апасынын акыркы сөзүн угуп калды: "Демек апамды дагы кордогон экен да, ушул аялды көргүм да келбейт, эмнеге келди?" деп ойлонуп суз кирди.

- Ии-ий айланайын, келиним менен неберем жакшы бекен, көрүп келдиңерби? - Супакан озуна сурап калды. - Айланайын десе чоңойо берсин, өзүм келип көрүп кетем.

- Жакшы, экөө тең жакшы, - Шайыр жооп берип отура кетти.

- Атыркүл өзү жакшы бекен? - Кундуз Шайырды карай суроо берди. - Атын ким койобуз эми?

- Нурлан да айтып жатат, "апам болуп чогуу койгула, биринчи небереңердин атын өзүңөр билгиле" дейт, - Шайыр кудагыйын кубанычтуу карады. - Сиз эле айтыңызчы, ким койолу?

- Мен билсем неберемдин атын Бакберген койсокпу дейм, ылайым эле бактылуу болсун.

- Чын эле жакшы ат экен, Бакберген деп койолу анда.

Экөө антип сүйлөшүп отурганда, Супакан кыйгачтай тууралана кетти:

- Капырай, мен деле чоң энесимин, ысыгына-суугуна күйүп чоңойттум эле, менден деле сурап койбойсуңарбы?

- Кечир жеңе, сиз деле апасындайсыз дечи. Эми наристеге чогуу-чаран эле койолу атты, - деп, Кундуз ыңгайсызданып калганда Супакан ого бетер кергиштеди.

- Балаңдын кандай өсүп жатканынан кабар алып койбой, изи жок жоголдуң эле, эми белен ашка келип эне болуп чыга келдиң?.

Ошол убакта дасторкон четинде аялдар калып, калгандар башка бөлмөдө болчу. Сапарбек апасынын сөздөрүн угуп, алардан кечирим сурады да кетмек болду.

- Жүрү, апа, кетели, менин жумушум бар эле, кечигип калдым, - деп Супаканга нааразы болуп турду ичинен.

- Сапарбек аке, сиз эмнеге шаштыңыз? Апамдын сөзүнө капа болуп жатасыз го, тим кой сүйлөсө сүйлөөр, кулакка тааныш кепке бышып калганбыз да, кары киши сүйлөсө сүйлөөр… - Нурлан Сапарбектин ийинине колун койо жылмайды. - Тамак бышып калды, жээнтек башы кылып кой союп коноктоп жатсам кетип калганыңыз болбойт.

- Нурлан, апамдын ушул кыялын койдура албадым, карып деле калды, уялат экенсиң, сен ага капа болбо, ээ?

- Эч капачылык жок аке, түшүнөм сизди, сиздин баягы мен ооруканада жатканда барып, жеңем экөөңөр жакшы сөз менен жубатканыңар али эсимде. Биз бир тууганбыз, аке.

- Ырахмат иним, мен сенден кол үзбөйм, апамдын сөзүн кулагыңа илбей эле кой, аны биз калтыра албайбыз.

Сапарбек Нурланга ыраазы боло дасторконго отурушту. Артур бажактап эң улуу небересин кайра-кайра айта берип, сөзү түгөнбөй жатты.

- Ой, көздөрү тим эле Нурландын көзүндөй экен, буйруса чоңойсо Нурлан менен Атыркүлдүн оң колу болот.

- Ошентсин, аман-эсен чоңоюп алса эле болду, - деп Шайыр күйөөсүн коштой күлүңдөдү.

- Арам жаман десе, эки күн болду, жүлжүйтүп көзүн ачып, эки жакты карап койот.

Артур терисине батпай сүйүнүп жатты. Супакан андан кийин улам Сапарбектин нукуганынан улам сүйлөбөй калды.

Аңгыча алдыга тамак келип, Нурлан улуулата жилик тартып, конокторун сыйлап, анан жөнөттү. Супаканга бир сыйра кийит кийгизгенде:

- Ыраазымын балам, аман бол, бактылуу болуп агарып, көгөргүлө, - деп батасын берип анан уулунун жанына отуруп жөнөп кетти.

Нурландын капа болуп чөгө түшкөнүн байкаган Кундуз:

- Балам, бирдемеге капа болдуңбу? - деп сурады.

- Жок апаке, капа деле эмесмин, Супакан апамдын келгени жөн эле жүрөгүмдү оорутту, ушунчалык көңүлүм калыптыр…

- Өткөнгө өкүнгөн болбойт уулум, сокурдун көөдөнүндөй сезими болсо ошол жеңем жаш кезимде мени ошол жерден кетирбей алып калмак. Кеткенимден кийин "күйөөсүн чанып кетти" деп сөз таратып далай сөз кылыптыр. Эми мунун кыялы көрүнө кошо кетет, оңолбойт эми, - деп Кундуз уулун сөз менен жубатты. - Кудайдын көзү түз экен, минтип табышып калдык, зарымды кудай угуп тилегимди берди, балам. Эми сен ата болдуң, бир үйдүн ээсисиң.

- Ооба апаке, мен баарын унутушум керек, сизди капалантпай төрүмдө сыйлап, каалаганыңыздай бага алсам болду.

Эне, бала көпкө сүйлөшүп отуруп, анан өз ордуларына жатып калышты. Эртең бул үйгө жаңы көз келмек, аны жакшылап тосуп алууну көздөп ойлонуп жатты.

Артурлар туугандарынын үйүнө кеткен, таң атпай жетип келди. Чогуу барып төрөтканадан Атыркүлдү алып келгенге жөнөштү. Ырым-жырымын жасап үйгө алып келип, босогодон киргизбей, башынан суу айлантып чачып, анан киргизишти. Наристеге Бакберген деген ат коюшуп бапырап жатышты.

- Кана, жээнимди өзүмө берчи, бир эркелетип алайын, - Артур наристени Шайырдын колунан алып көтөрүп алып бөлмө ичинде ары-бери басып жүрдү. Күчүгү го, таятасынын эрмеги го, кана көзүңдү ачып карап койчу?

- Тим эле бала болуп кетесиң да, чоңойо түшсө анан сүйлөшөсүң го? - Шайыр аны карай күлүп койду.

Атыркүл өзүнчө бактылуу, ага төшөк салып жаткырып коюшкан. Кундуз тамак ашын жасап, жан алы калбай жүрөт. Нурлан мурунураак чыгып кеткен. Артур менен Шайыр Атыркүлдүн жанында жээнин алып сүйлөшүп отурушат. Негедир Атыркүлдүн көңүлү айныгандай көзүн жумуп бир аз жатты да:

- Апа, мен жаман болуп жатам, - деди кара терге түшө.

- Эмне болду кызым, эми эле жакшынакай эмес белең? - Шайыр анын үстүнө үйрүлүп түшө калды. - Төрөгөнүңө төрт эле күн болду, жылууланбай суукка урунуп алгансың го?

- Билбейм, этим бир ысып, бир муздап алым кетип жатат, көзүм да караңгылап кетти го?



- Врачты чакыралыбы? - Артур чыйпылыктап баланы жаткыра коюп, сыртка жөнөп баратканда алдынан Нурлан көрүндү. - Мен врач чакырайын, Атыр ооруп калды, - деди шашкалактай.

- Эмнеси ооруп жатат, жакшы эле эмес беле? - Нурлан дагы эч нерсеге түшүнбөй шашып, Атыркүлдүн жанына келди. - Эмне болду, каериң ооруп жатат?

- Эч жерим деле ооруган жок, алым кетип көзүм караңгылап кетти, - деп Атыркүл алсыз үн катты.

- Анда ооруканага алып барайынбы?

- Билбейм, жакшы болуп калаармын….

Атыркүл онтолоп кирди. Нурлан чекесин басып көрсө эти от менен жалын болуп ысып калыптыр, шашып калган Нурлан дароо эле Атыркүлдү көтөрүп алып жөнөдү. Шайыр менен Кундуздун "токто" деп айтканына карабай чыгып кетти. Ал кеткенден кийин Артур врачты алып келип калды. Кайрадан чогуу оорукананы көздөй барып дүрбөлөң түшүп калышты. Атыркүл үч күнгө чейин жөөлүп, көзүн ачпай жатты. Бир жума жатып, эч оорусу аныкталбай көз жумуп, кете берди. Ымыркайдын төрт күн эмчек сүтүн эмгени болбосо, энесинин жүзүн көрбөй кала берди. Али эч нерседен капарсыз наристе, эне сүтүн кана эмбей, какылдап ыйлап жатты. Нурландын туугандары, жоро-жолдоштору жанында тикесинен турушту. Артурдун боздогонун уккан адам жанына тура албай жатты. Шайыр андан бетер өксүп жатат. Кундуз баланы өзү карап үйдө. Үч күндөн кийин өлгөндүн жазасы көмгөн деп, он тогузга жаңы чыккан Атыркүлдү коюшту.

Баары кетип, Нурлан апасы экөөлөп, наристени карап калды. Гүлзат дагы күйөөсү экөө ошол жерде. Нурлан эч кимиси менен сүйлөшпөй түнт болуп кетти. Эки жумадан кийин куран окутуп, Артур менен Шайыр келди да Бакбергенди алып кетели дегенде Кундуз болбоду.

- Бала атасынын эле колунда болсун, мен өзүм эле багайын, кыйналып деле кетпейм. Нурланга деле кыйын болду, силер баланы алып кетип калсаңар, ал капа болуп, ого бетер чөгүп кетпесин.

- Мейли анда, бала бизде болсо кызымды көргөндөй болуп жүрөлү дедик эле. Атыркүл жалгыз кызыбыз эле, үчөө эркек бала, - деп Шайыр улутунуп тим болду.

- Ырас айтат кудагый, Нурлан Бакбергенди көрүп, кичине көңүлү ачылып, өзүнө келсин, биз өзүбүз келип-кетип турабыз, - деди Артур.

- Ошенткиле айланайын, ким ойлоптур ушундай болуп кетет деп, ойдо жок иш болду, Атыркүлүм жаркылдап өзүмдүн эле кызымдай эле… - Кундуз бышактап алды.

- Кантейин, колдон келбеди, чырактай кызымдан айрылып калдым, - деп Шайыр буулугуп барып буркурап ийди.

- Болду кемпир, "өлөм-өлөм!" дей берчү, "буттан жаңылган турат, ооздон жаңылган турбайт" деген ошол да, кызымдын көрөөр күнү бүтүп баратса айла канча? - Артурдун үнү каргылданып кетти.

Нурлан келгенден кийин бир аз отурушту да жөнөп кетти.

Кундуз Гүлзат кеткенден кийин бала менен алышып жалгыз калды. Нурлан жумушуна кетет, кечинде келип уулун көтөрүп, ары-бери басып анан жатып алат.

Билинбей эле арадан үч жыл өтүп кетти. Бакбергендин тили чулдурап Кундузга керээли кечке эрмек болот. Үйгө келгенде Нурлан аны алдына алып отуруп алып, жарпы жазыла күлүп, уулун эркелетип отура берет.

- Уулум, Бакберген чоңоюп калды, эми үйлөнсөң боло? - деди Кундуз бир кечте.

- Апа, үйлөнгүм келбей калды, уулум чоңойо берсинчи…

- Кой балам, ошонуң кантип болсун, үйлөнбөсөң болбойт. Алы-күчүм барында балдарыңды багайын, колумдан келишинче жардамымды берем, бала жашында апалап көнүп калат эле.

- Билбейм апа, ушуну өз баласындай көрөбү?

- Жакшы болсо өз энесиндей эле болуп калат.

- Ишене албайм апа, өзүңүз чоңойтуп, өстүрө бериңизчи.

Нурлан андан ары сүйлөшкүсү келбей туруп кетти. Бирок ойлонуп калды: "Кой үйлөнбөсөм болбойт, үй түйшүгү, бала караган апама деле оор чыгаар, тарткан азабын унуткарбай эле түйшүккө салдым" деп ойлонуп жатып уктап кетти. Түшүнө Атыркүл кирди. Ал аппак кийинип алыптыр. Нурлан аны көздөй кулачын жайып жүгүрүп жөнөгөндө ал: "Нурлан, сен мага жеталбайсың, андан көрө үйлөнүп ал. Мен сенден кетким келген эмес, эми сенин тагдырыңа тең орток болчу кыз бар, сен жакында жолугасың, уулумду жакшы кара" деп көздөн кайым болду. Чоочуп ойгонуп ыргып турса, түшү экен. "Өх" деп алды да кайра жатып калды. Нурлан ошондон кийин ылайыгы болсо сүйүүсү жок эле үйлөнүп, жай турмуш өткөргүсү келип калды.

Бир күнү базарда жүрүп, ал суусагандан суу ичкиси келди да суу саткан кызга кайрылды:

- Чоң кыз, сироп берчи.

- Азыр….

Сууну куюп берип жаткан кызды жалт бир карап алды. Негедир ал кыз Кайыргүлгө окшошуп кетти.

- Рахмат, - деп тыйынын берип жөнөй берди.

Кылчак-кылчак карап кетип жатып: "Кайыргүлдүн сиңдиси эмеспи" деп да ойлонуп алды. Дал ошондон баштап, ал суу саткан кызга барып, бир стакандан суу ичет да көргөнүнө ыраазы болуп кете берет. Арадан бир айдай өтүп, күн сууп, суу саткандар азайганда ал кызды таппай калды: "Ошондо эле сүйлөшсөм болмок, жок дегенде атын сурап албай" деп кыжаалат болуп, дилиндеги адамды издеп таппай азап чекти.

Күндөгүсүндөй эле жумушунан чыгып жөнөөрдө телефон чыр эткенинен ала койсо, бирге окуган курсташы экен. Ал аны үйлөнүү тоюна чакырып калды. Ал чет өлкөгө окуусун улантып кетип, үйлөнө элек эле.

Нурлан чакырган жерге кеч келди. Аны көргөн Кубат:

- Оой дос кел, мынча неге кечиктиң? Келбей калды го деп ойлогом, - деп кучакташа учурашты.

- Кантип келбей койом? Кана, аяш менен тааныштырчы? - деди Нурдан күлө карап.

- Ананчы, аяшың менен тааныштырбай анан, - деп экөө ээрчише ары көздөй жөнөгөндө өздөрүн көздөй келе жаткан той көйнөкчөн кыздын жанында өзү издеген кыздын келе жатканын көрүп, Нурлан токтоп калды, эч нерсе кулагына кирбей бейтааныш кызды карап тура берди. - Эй дос, сага эмне болду?.

Кубат аны колунан силкип ийгенде эсине келе:

- Оой, кечир досум, - деп абалдан чыгууга аракеттенип жанында турган кыздарга карады.

- Бул аяшың Асел, таанышып кой, а бул чүрөк болсо Аселдин курбу кызы Жибек.

- Кубанычтуумун, таанышканым үчүн кубанычтуумун, менин атым Нурлан, - деп эки кызга күлө карап койду эле, Жибек:

- Сиз менен таанышканыбызга биз дагы курсантпыз, - деп жылмая карап койду.

Нурлан Жибек менен жолугушуп жүрдү. Ал Кайыргүлдүн бир тууган таежесинин кызы эле. Кайыргүлдөн улуу, бир күйөөдөн жолу болбой бойдок жүргөн. Тагдырдын тайгүлүк ташын кара, келип эле Кайыргүл менен кайрадан бир дасторкондон даам сызып, жамандык-жакшылыкта чогуу болоорун ким билиптир. Нурлан Жибекке үйлөнгөндө Кайыргүл күйөөсү менен келди. Шарактап отурган элдин ичинде эки адам гана ар кайсыны ойлонуп, жан дүйнөсү сыздап отурду. Ал Кайыргүл менен Нурлан. Бул кезде Кайыргүл эки балалуу болуп калган. Күйөөсү Канжарбек абдан түшүнүктүү адам, аялын сыйлап отурду. Элдин жакшы каалоолору Жибек экөөнө айтылып жатканда, Нурлан көз кыйыгын Кайыргүлгө жөнөтүп коюп, ойлуу тунжурап, Жибектин бөлөсүнө абдан окшош экенин көрүп ичинен: "Кызык, мага Кайыргүлдү буйруган эмес экен, бөлөсү менен тагдырым биригип түбөлүк жашап, Кайыргүлдү анда-мында көрүп турсам болду" деп конокторуна көңүл бура карап, ар бир айткан сөздөрүнө баш ийкей жылмайып отурду.

Конокторун узатып ийип, туугандары менен ал түнү таң атканча бирге болушту. Жибек жаркылдап маанайы ачык. Кундузду апалап, келген эле күнү колунан жумушун ала коюп жатты:

- Айланайын, бир, эки күн өзүм эле кылам, отура берсең боло? - Кундуз келинине ичи жылый ого бетер жалынып-жалбарып кирет.

- Коюңузчу апа, сизге жумуш жасатып коюп кантип отурам? Мындан ары өзүм баарын өткөрүп алам, - деп Жибек күлүп койду.

- Келиниң жакшы болсо, балаң дагы жакшы, Кундуз. Келиниң жаман болсо, анда балаңдан үмүт этпей эле кой, - деди Уулкан деген абысындарынын бири.

- Ана эмне, келинден болот баары, - дешип күүлдөп отурганда Сапарбек аялы Асылкүл экөө келип калды.

Баары орундарынан туруп, орун көрсөтүштү. Жай алып отургандан кийин Сапарбек Нурланды куттуктап, белектерин берип, бапыраңдап жатты:

- Куттуктайм иним, бактылуу болгула, Жибек келиним экөөңөр узак жашап, уул-кыздардын ата-энеси болуп, ынтымакта өмүр сүргүлө.

- Айтканыңыздар келсин аке, - деп Нурлан күлө карап, кабыл алып, ыраазылыгын билдирди.

Эки-үч күн коноктор келип, үйдө опур-топур болуп жатты. Бакберген Кундуздун карамагында, ал кайда барса, кошо ээрчип, чулдурап жүрөт. Жибек сүйкүмдүү болтойгон балага мээрими түшүп: "Мен ушуга окшотуп төрөп алсам кандай жакшы" деп улам карап коюп жатты.

Эл кетип, ээн калгандан кийин Жибек Нурланга эркелей карады:

- Нурлан, бактылуусуңбу?

- Абыдан бактылуумун, а сенчи, өзүң бактылуусуңбу, Жибек? - Нурлан келиндин чачтарын сылап колдору менен жүзүнөн сылап, көзүнө тике карады.

- Ай-ябай бактылуумун, сага жолукканым үчүн жаратканга миң мертебе ыраазымын!

- Мен дагы, мен дагы ыраазымын.

Экөө эркелешип, төшөктө көпкө оонап жатты…

Жашоонун өз мыйзамы бар, бирөө өлсө, бирөө анын ордун басып, турмуш улана берет. Бул эки жаш дагы тагдырына көнүп, мындан аркы жашоолорунан үмүттөнүп, бакытка магдырап турушту. Жибек өзү ачык айрым, ак көңүл келин. Бакбергенди жанындай жакшы көрүп кетти. Бала неме "апалап" жанынан чыкпай калды. Жибек Кундуздун колун жумушка тийгизбей, баарын өзү кылат, ан сайын ал келинине айланып, үйрүлүп, алкап, жан алы калбай кубанып: "Ээ айланайын кудай, уулумдун багына жакшы келин жолукту, ушуну кут кыла көр. Карыган кезимде кор болбойун, өнүп-өсүп жалгызымдын учу узарсын, өксүбөй жашаса экен" деп ойлонуп, баса-турса кудайга тобо кылып калды. Нурландын дагы көңүлү ток, үйгө келсе Кундуз төрдө уулун алып отурат. Жибек казан аяк менен алек. үй ичи таза, тамак ашы даяр, ал тагдырына ыраазы. Кээде Атыркүлдүн жаш баладай кыял жоругун эстеп: "Байкушум десе, жаш кеттиң, өмүрүң кыска тура, жаткан жериң жайлуу болсун" деп улутуна кейип алат.

Нурландын жашоосунда билинбей жакшылыктар болуп жатты. Жибектин төркүндөрү ага сеп алып келип, бир туугандары кайра-кайра келип, ал-абалын билип катышып турду. Бир күнү Нурлан үйдө Бакбергенди карап калган. Кундуз менен Жибек туугандарыныкына кеткен. Улуу баласын ээрчитип, базарлык көтөрүп алып, Кайыргүл келип калды. Нурланды көрүп, адегенде селт этип алды.

- Жакшысыңарбы, Жибек үйдөбү? - деп шаша сурап жиберди.

- Кел-кел, Кайыргүл. Жибек апам экөө конокко кетти эле. Кел кирип отура тур, келип калышат, - деп Нурлан дагы шашып калды. Отур, ой азамат десе, бул уулуңбу, Кайыргүл?

- Ооба, улуу балам, - Кайыргүл диванга коомай отуруп, - Уулуң чоңоюп калган тура, - деп Бакбергенди өпмөк болду эле, ал ыйлап, келбей Нурланга жабышып алды. - Балаң өзүңдөй го? - деп Кайыргүл айласыз сырдуу жылмайып койду.

- Кайыргүл, тагдыр деген укмуш экен ээ? Сен экөөбүзгө эч кандай жол болбоду, эми бир жакын адамдардан болуп калдык.

Нурлан ойлуу аны акырын карады.

- Ошондой экен да, баары өзүңдүн чыгынбастыгыңдан болду, Нурлан. Чечкинсизсиң да. Эми баарын айтканда не, биз эми жакын адамдарбыз. Жибек экөөң бактылуу болсоңор болду. Баса, мен тезирээк кетишим керек эле, учурашып келейин деп эле келе калгамын. Канжар үйдө калган..

Ордунан туруп калганда Нурлан аны токтотту.

- Кайыргүл, бир аз отура тур, мен чай койойун, чай-пай ич, аңгыча келип калышат.

- Кой, кечигип калам.

- Жо-ок, кетирбейм, Жибекке эмне деп жооп берем? Даам сызбай кеткениң болбойт.

Нурлан туруп барып, чай коюп, дасторконун алып келди.

- Убара болбой эле койсоңчу, - Кайыргүл жылмая карап күлүп койду. - Дасторкон жайганга эптүү экенсиң.

- "Башка келсе, байтал жорго" дейт эмеспи, сени менин өз колумдан даам сызып кетсин деп жатпайынбы? - Нурлан дагы күлүп койду.

Экөө кобураша чай ичип жатты. Кайыргүл унчукпай чайды аста ууртап коюп, көз кыйыгы менен карап отурду.

- Нурлан, Жибекти сүйөсүңбү? - деди бир кезде.

- Сенчелик эмес.

- Оюнуңду койчу, сүйүүсү жок деле жашаса болот тура. Сен Жибектин менин бөлөм экенин билдиң беле?

- Жок, кийин гана сен келгенде билдим. Чынында Жибекти сага окшоштуруп үйлөнгөмүн, адегенде эле сага окшоштугунан жакшы көрүп калгамын.

- Ошондой де?

- Ошондой, сулуу кыз! Сен жолукпай качып, карматпай койсоң, элесиңди көзүмө сүртүүгө тура келди да?

- Койсоңчу, Нурлан.

- Экөөбүздүн сөзүбүздү Жибек угуп калса, таарынып жүрбөсүн, ал айтканынан кайтпаган неме. Экөөбүздүн аралыгыбыз жарым жаш, абдан ынак элек, - Кайыргүл Нурланды карай муңая сүйлөдү.

- Көрүнүп турат, - Нурлан аргасыз жылмайып күлгөн болду. - Окшоштугуңар эле айтып турбайбы?

- Жибек жакшы, Нурлан, эми аны сыйлап ал, аны бактылуу кылсаң, мен сага ыраазымын! - деди Кайыргүл аны карап.

Ошол убакта кобур-собур угулуп, Кундуз менен Жибек кирди үйгө.

- Оой Кайыргүл, качан келдиң? - Жибек экөө кучакташып учурашышты, - Сагынып кеттим, ырас келбедиңби, сүйлөшүп отуруп кет.

- Жибек, менин келгениме көп болду, кетишим керек эле, - деди Кайыргүл ыңгайсыз абалда калып. Кундуз менен баш ийкеше учурашты. - Тез эле келем дегем, жок экенсиң, күтүп отуруп калдым.

- Отур айланайын. Жибек экөөбүз конокто болдук, кешик бар. Ооз тийип, чай ичип, жай кетерсиң.

Кундуз дагы Жибектин айтканына кошула аны отургузуп койду. Кайыргүл мындай мамиледен басып кете албай тим болду. Жибек арыдан-бери алып келгендерин жая салып, импорт винодон алып келип, бөлөсүн сыйлап отурду, аңгыча тамагы да бышып калды. Кеч курун аны Нурлан менен Жибек машинага отургузуп, үйүнө жеткирип келишти.

үйүнө кайтканда Жибек Нурландын ийинине башын жөлөп:

- Нурлан, мен бир нерсе айтып берейинби? - деди ойлуу.

- Айта бер!

- Кайыргүлдүн тагдырына кейип кетем. Ал биринчи күйөөсүнө деле бирөөгө өчүшүп чыгып алса керек, бирок ага эки ай зорго чыдады, анан өзү эле баса берди. Анын жүрөгүндө бир каткан сыры бар, эч кимге айтпайт, бир кезде өзү бирөөнү сүйүптүр. Абдан бекем жан да.

- Сага дагы айткан жок беле?

- Жок, "ал жөнүндө сурабачы" деп койгон.

- Анан жана эмнени айтып берем дедиң эле?

- Ошону, биринчи күйөөсү жинди болуп кете жаздап, кайра-кайра келип жатты, бир жибибей койду чиркин. Кайыргүлдүн катуулугуна ошондо аябай таң калгамын.

- Күйөөсү жакшы беле?

- Абдан жакшы жигит болчу. Билбейм, эмнеси жакпай калганын.

Аңгыча үйүнө жетип келишти. Кундуз Бакбергенди алып эбак уктап калыптыр. Экөө өз бөлмөлөрүнө өтүп, жатууга камынышты.

- Ошентип бөлөңдүн сырын билбей жүрөм дечи? - Нурлан Жибекти эркелете кучактап өөп койду.

- Ооба, ал ошондой жан, кичинебизден таенебиздикине чогуу барып, бирге өстүк, мамилебиз деле жакшы, бирок ички сырын укканга кызыксам да айтпады.

- Азыркы күйөөсүн өзү жактырып тийгенби?

- Аны жездем таап берген. Канжарбектин эки-үч ишканасы бар, абдан бай турат, экөөнү кандай кылып жолуктурганын билесиңби? - Жибек күлүп койду. - Менден улуу эжемдин күйөөсү аны менен дос. Канжарбектин аялы өлүп, бойдок жүрүптүр көпкө чейин. Жездем менен эжем аны концертке ээрчитип барып, анан таштап коюшуп, өздөрү акмалап карап турат. Канжарга Кайыргүлдү көрсөтүп койгон, анан эле ал эжемдерди таппай жолго чыгып, элеңдеп турганда Канжар машинасы менен анын жанына келип токтоп:

- Чоң кыз, жеткирип койойун, сен Ашымбектин балдызы эмессиңби? - дейт.

- Сиз жездемди тааныйсызбы? - деп Кайыргүл андан тактап сурап алып, эч тартынбай түшүп алат.

Жеткирип келгенден кийин Канжарбек үйгө келип жездеме күлө карап:

- Балдызыңды жоготуп жиберген жоксуңбу? - деп тамашалайт.

Экөө тамашалашып жатканда Кайыргүл таарынып, эжеме карабай ыйлап жатып алыптыр. Кийин Кайыргүл жумушунан чыкканда эле Канжарбек даяр боло калып, жеткирип келип жүрүп, үйлөнүп алышты. Биз дагы түшүнбөй калдык. Кийин эжем менен жездем ага атайын калтырышканын айтканда чычалап тим болуптур.

- Кызык экен, Канжарбек андан бир топ улуу го?

- Он жаштай улуу дейт, бирок экөө аябай ынтымактуу, бири-бирин көз карашынан байкап турат.

- Демек эми гана бактылуу болгон экен да. Балким анын жашыруун сыры ошол адамга байланыштуу чыгаар? - деп Нурлан аялын сынай карап кучактап жатып сурады.

- Жо-ок, андай болушу мүмкүн эмес, бирок бактылуу болушу мүмкүн, эки балалуу болуп калбадыбы?

- Ии-ий да. Кой жаным, уктайлы, түн бир убак болуп калды.

Нурлан колтугуна башын катып алган аялын өөп коюп, көзүн жумуп Кайыргүлдү ойлоп жатты: "Байкушум ай, неге чечкинсиз жаралдым экен, мен тартынбай чын сырымды айтканда эч кимиси каршы болмок эмес экен, мейли эми, буйрук эмес тура" деп умсуна улутунуп алды да жатып калды.

Бир күнү жумуштан келген Нурлан Гүлзаттын үйдө оронуп жатып алганын көрүп:

- Буга эмне болгон апа, бир жери ооруп жатабы? - деди.

- Ошентсе керек, келип эле жатып алды го, эч нерсе деген жок.

- Минтчи эмес эле го, бир жери ооруп жаткан окшойт.

Нурлан карындашынын жанына келип, тизелей калып, чекесин басып көрдү: "Жакшы эле экен, эмнеге келип жатып алды, күйөөсү экөө келип, кайра эле кетип калчу эле, бир сыры бар" деп ойлонуп, сырт кийимин чечип илгичке илди да, сырткы бөлмөгө келип Кундуздун жанына отурду.

- Гүлзат уктап жатабы же ойгоо бекен? - Кундуз уулун карай суроо берди. - Бир аз уктап алсын, кайра кетет да.

- Кызык, аяктан уктай албай калыптырбы?

- Балам аа-ай, абысын-кайнагасынын көзүнчө жата албай жаткан го?

- Аа-а мейли, - деп койду Нурлан жүйөлүү сөзгө муюп.

Бирок Гүлзат ал күнү, анын эртеси, андан кийин да кетпеди. Нурлан өз ичинен ойлонуп анын жанына отурду.

- Гүлзат, садага болойун десе, акең менен сүйлөшчү, - деди Кундуз жанына келип.

- Апа, бул соо келген эмес, жок дегенде силерге айткандыр, сурасаңар боло? - дегенде Кундуз унчукпай сыртка чыгып кетти. Нурлан Гүлзаттын баш жагына келип.

- Гүкү, туруп мени менен сүйлөшчү, сенин бир жериң ооруп жаткан жокпу? - деди эле ал баятан бери ыйлап жаткан, башын көтөрө буркурап ыйлап жиберди.

- Аке!

- Эмне болду, айтчы деги сары санаа кылбай кишини, күйөөң бирдеке дедиби?.

Гүлзат эчтеке дебей ыйлай берди, алар ошентип жатканда, сырттан кайра кирген Кундуз кейий сүйлөдү.

- Балам, Гүлзатты Асек уруп коюптур!

- Эмне-е?! Ал ургудай эмне күнөөсү бар экен?

- Кайдан билем, бүткөн боюнун баары көгала, доктурга көрсөтөйүн десем болбой койду.

- Мен Асекти көргөзөм, кара муну сурап алаары жоктой кылып урганын.

Нурлан ордунан туруп сыртка чыгып баратканда Жибек аны токтотту:

- Сабыр кыл, эми кечээ кечирим сурап келишкен экен, сени билет деп болбой койдук, бүгүн өзүң сүйлөшөсүң келсе. Тура тур, келип калышат, - деп сөзүн бүткүчө эле үйдүн жанына машина келип токтоду.

Нурлан аларды эшиктен тосту. Эралы менен Сайракан алдыда, алардын артында Асек башын сала келатты. Нурлан токтоолук кыла унчукпай алардын алдын утурлай басты.

- Оо кандай куда, жакшысыңарбы? - Эралы кош колун суна учурашты.

- Келиңиздер, - Нурлан алар менен суз учурашып жер карап турган Асекти карай, - Ийи баатыр, эмне болду силерге, жашаганыңарга бир жыл болбой жатып? - деп кекете ачуусун зорго кармап турганда Жибек чыга калды.

- Үйгө кирип сүйлөшкүлө, эл укпасын, - дегенде аны Нурлан ормойо бир карап коюп, үйгө карай жол баштады.

Жайланышып отургандан кийин Эралы сөз баштады.

- Куда, итчилик бизден кетти, жаштар эмеспи, бири-бирин кызганып ушундай болуптур. Биринчи жолкусун кечирип койгула, Гүлзат өз бүлөбүз, алып кетели.

- Апа, Гүлзатты алып келчи, мен экөөнүн өз оозунан угайын, күнөө кимисинде экенин, эгер андан кымындай күнөө кетпесе, мен аны эч жакка кетирбейм! - Нурлан Гүлзаттын кирип келатканын көрүп жанына чакырды. Анын чекеси томуюп, көзүнүн тегереги көгөрүптүр, аны көрүп, ого бетер жини келди. - Кана адегенде сен айт, кайсы күнөөң үчүн ушунча кордук көрүп жүрөсүң ыя, келген күнү кандай айтпайсың!

- Аке, менин эч кандай күнөөм жок эле… - Гүлзат шолоктоп ийди.

Асек ошондо башын ылдый сала:

- Кечириңиз, Гүлзатта күнөө жок, менде күнөө! - деп жиберди.

- Нурлан, куда айланайын, кантсе да жашың жагынан кичүүсүң, булардын урушу деле жок. Болгону кызганыч, экөө отурушка барып, аерден Гүлзат классташы менен сүйлөшүп калат, кетээр кеткиче аны менен сүйлөшүп, кетээрде коштошуптур. Ошонун баарын көргөн балабыздын ичи кайнап чыгып, үйгө жетпей жолдон эле ачуулана баштаптыр. Үйдө биз жок элек. Биз келсек Гүлзат жок, - Сайракан кайнисине карай кол жаңсады. - Болбосо ичпейт, чекпейт.

- Ичпей-жебей, эч күнөөсү жок аялды жолдо жүрүп урушкан адам ким өзү? Билимдүү акыл-эстүү жигит сен ушуну кылып жатсаң, башка карапайым адамдар кантет? Мен карындашымды бербейм., Эмитен мынчалык кылып отурсаң бир күнү өлтүрүп койушуң мүмкүн! - Нурлан Гүлзатка карады. Гүлзат айтчы, чындап күнөөң жокпу?

- Жок!

- Анда кирип жата бер, эч жакка барбайсың, башың аман болсо мындай күйөө табылат! - дегенде Асек чыйпылыктап ийди.

- Кечириңиз аке, мен уят болдум. Гүлзатты сүйөм, ошон үчүн кызганып кеттим. Классташы өөп койду да кетээринде. Мени кечириңиз, Гүлзатсыз мен эч жакка, кетпейм! - Тизелей Гүлзатка жетип, - Гүлзат, кечир мени, кечир, мен сенсиз жашай албайм, сени катуу сүйгөнүм үчүн кызганып кеттим, кечир! - деп ыйлап ийди.

Аны көрүп Гүлзат да ыйлап жатканда Эралы:

- Куда, бир жолкусун кечирип койгула, биз да уят болдук, экөө тең жаш, булар да токтолот, келинибизди албай биз да кетпейбиз, - деп күлүп калды.

Нурлан эч нерсе дебей Кундузду карады, ал апасынан кеңеш сураганы, чечимди ошол чыгарсын дегени болчу. Кундуз аны түшүндү, уулуна ыраазы болду, кыз-күйөөсүн карап, анан куда-кудагыйына.

- Эми-и жаштыкта, үйбүлөдө эмнелер гана болбойт, мен Гүкүнү ажыратып алайын деген оюм жок, мына агасына айтпай отурдук: "Ачуу душман, акыл дос", дейт. Бая күнкү акыбалын силер көргөн жоксуңар, Нурланга дагы көргөзгөн жокпуз. Азыр үйдө эле калсын, бир аз көгаласы кетип айыксын, анан келип алып кеткиле, бүлө силердики! - дегенде Сайракан кубанып кетти.

- Рахмат кудагый, ыраазыбыз силерге, бүлөбүздү эмки жума күнү келип алып кетели. өткөн-кеткендин баарын кечиришели, мындан ары болбойт, куда! - деп Нурланга карады.

- Биз анда кайталы. Асек жүрү иним, мындан ары жаңылыштык кылбай жүр, Нурлан айткандай өзүң юрист болуп туруп түшүнсөң болмок.

Эралы да инисин ээрчите сыртка чыгышты.

Ошондон көп өтпөй эле Асек кайра-кайра келип жатып, Гүлзатты ээрчитип кетти. Ысык-суугу аралаш бири кем дүйнөдө пенденин көрөөр күнү бүтүп, ичээр суусу түгөнмөйүнчө тоголок жердин үстүндөгү ой-чуңкурдун баарын басып чыгат тура.

Аңгыча жыл айланып Гүлзат уул төрөп алды. Асек жумушка кирип бакыйган юрист болду. Нурлан Жибек экөө ынтымактуу, Бакберген эч нерседен капарсыз "апалап" жашай беришти..

Убакыттын өткөнү билинбейт, улгайганыңда билесиң" дегендей, зуулдаган канаттууга окшоп убакыт зуулдап өтө берди. Жибек кыз төрөп алды. Нурландын кубанычы, Кундуздун мээрими, Бакбергендин "апалап" турганы Жибекти зор бакытка жеткирди. Нурлан аялын төрөтканадан чыгарып жолдогу жык-жыйма болгон унааларды ойлуу карап келатып: "Ээ кудай, бир кезде эски кийим, жыртык өтүк кийип, ашты тойо ичпеген куу жетим элем, мына минтип алдымда машина, үстүмдө үй, койнумда суйкайган аялым, кучагымда уул-кызым бар, мен бактылуумун" деп ойлонуп үйүнө карай бурулду. Аларды Кундуз менен Гүлзат, Кайыргүлдөр күтүп турушкан…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз