Айгүл ШАРШЕН


"Кечиккен махабат"


Азыр мен кусалыктын кучагында бир кездеги бактылуу учурумду эстеп, көкүрөктү ээлеп алган өкүнүчүм - жаздагы ачык туруп шамал коштой төккөн жамгыр, жер бетине шурудай төгүлүп жылт-жулт эткен мөндүр сымал көз жашым эки бетим ылдый кулап, терезеден сыртта томпоңдоп ойноп жаткан наристелерди карап тура бердим. Бактылуу кезиңде бакыт сени менен бирге айланчыктап жүргөнүн сезбейт тура адам баласы. Андан да бийик, зор бакытты эңсеп туруп алат экенсиң. Эми ойлосом мен ошол кезде бактылуунун бактылуусу экемин, кадырын билбепмин, жаштыгым, эселектигим мени кыялымдагы бакытты эңсеп, сүйүү менен жашап, сүйүү деп өлөм жүрүп акыры чеги жок кең көлдө жалгыз учкан ак куудай армандуу сүзүп калган чагым.

Эмесе сөз башынан болсун.. .

Айылдын таза абасынан кере дем алып, эт, казы-карта, чучук жеп, кымыз ичип, ат ойнотуп тоо боорунда жашаган Кармышактын жети уулу, бир кызы бар эле. Карлыгач эрке өстү. Айрыкча атасына жакын. Апасы Күмүш аны жумшап калса эле Кармышак:

- Кызым, киймиңди кий, азыр экөөбүз тиги өйүзгө кетебиз, - деп калат. Аны дайыма эркекче кийинтип ээрчитип алчу.

- Кызың чоңойду, эрке талтаң кылбай үйгө байыр алдырсаң боло, эркек балача кайда болсо ээрчитип албай, - деп Күмүш күңкүлдөп калды, - Минтип жүрсө ургаачынын ишин үйрөнө албай барган жеринде кепке калтырат го?

- Кызыма күйөөнү сатып берем, - Кармышак мулуң эте Карлыгачты өңөрүп алып бастырып кетти. Дал ошол күнү Карлыгачтын тагдырына байланышкан сөз болду, балким атасы менен ээрчигенин коюп үйдө калганда башкача болмок беле, бирок пенде пешенеге жазгандан буйтап өтө албайт эмеспи. Кармышак жоро-жолдошторунун, элдин ичинде кадыр-баркы бар эле, келген үйдүн ээси бала кезинен берки досу Бекболот теңтуштары менен бозо салдырып алып ар дайым бош убактысында карта ойноп эс алганды жакшы көрө турган. Кармышак дагы аларга жетип бакылдап калды, Карлыгач атасынын жанында отурган. Бозого алагүү болгон Бекболот:

- Каке, мына бала кезден бери дос болуп жүрөбүз, бир да жолу "сен-мен" дешкен жокпуз, жаштык өттү, мага азыр бир жакшы ой келип турат, биз эми куда болобуз! - деди досуна карап.

- Ой Беке, эмне деп жатасың, түшүнбөй калдым, - Кармышак аны элее карады.

- Менде уул бар, сенде кыз бар, - Бекболот жанында отурган он үч, он төрт жашар уулун карап койду, - Мен Карлыгачты келин кылып алам!

- Мен го-о каршы эмесмин, балдар эмне дээр экен?

- Азыртан кулак кагыш кылып көндүрө берсек кайда бармак эле? - дегенде Нуржанат менен Карлыгач бири-бирин балалык жылмайу менен көз караштары арбаша култуң этип өз-өз аталарына жашына калышты.

Ошондо ойлонду Кармышак кызынын качандыр бир кезде турмушка чыгаарын, өз босогосунан көп кыздардын бириндей эле бирөөнүн үйүнө келин болуп чыгып кетээрин. Кыз баланын эли, жери башка экенин. Андан кийин дагы далай жолу достору менен күүлдөп жоро-бозолордо жүрдү, бирок Карлыгачты ээрчиткенин койду. Көнгөн адатына салып ээрчип ыйлаган кызын байкамаксан боло өзү кетип калчу болду. Күмүш Бекболоттун сөзүн угуп өзүнчө кызынын камын ойлоп, берчү себин камдап койду.

Карлыгач керилген кыз болуп өстү. Мектепти бүтөөрүндө агалары, эки жеңеси кайтарып, акыркы экзаменин тапшыраары менен алып баса беришти. Эчен жигит ала качалбай өкүттө калды. Нуржанат астыртан кат берип Карлыгачка жолугуш үчүн аяш атасыныкына көп каттап кыз сырын тартууга аракет кылган менен, кыз жүрөгүнөн орун алалбады. Эки дос кыз үчүн бир-бирин карашпай кала турган жагдайга келип калганда Күмүш кызынын жанына отуруп:

- Кызым, Бекболот абаң атаңдын бала кезинен берки досу. Нуржанат жаман бала эмес, байкап көр, кагылайын, - деди.

- Апа, менин көңүлүм болбосо эле таңып бересиңерби? Мен аны жактырбайм! - Карлыгач бултуң эте терс бурулуп кетти.

- Кой балам, атам замандан эле өзү "тийем" деп айтпайт, атаңды да ойлон. Кан басымы көтөрүлүп, ооруп да жүрөт.


- Мен макул болсом эле баары жайында болобу? - Карлыгач апасын тикирейе карады.

- Ооба кызым, биз деле сенин бактылуу болушуңду ойлойбуз. Бекболоттун колунда бар, совхоздун аткаминер кадырлуу кишиси, анын назарын сындырып албайлы.. .

- Мен макулмун, - Карлыгач тарс эте айтып ордунан туруп кетти.

Күмүш отурган ордунда ойлонуп кала берди, сырттан кирген Кармышак аялына ормойо карады:

- Какенди сен капаланттыңбы?

Pleer
- Жо-ок, өзүнүн көңүлү чөгүңкү го, Нуржанатка "макулмун" дейт.. .

- Эмне, аны сен көндүрдүңбү?

- Эне катары акылымды айттым, жаш эмеспи, өзү макулмун дегенден тартынып аткан го?

- Мм, ошондой дечи, бирок кызымды зордоп бербейм кемпир. Бекболот достуктан кечип кетсе да макулмун! - Кармышак төргө отура кетти.

Ата-эне кызынын кийинкисин ойлонуп өздөрүнчө санаада: "Балалык кылып жатат, турмуш деген турмуш, Нуржанат жакшы жигит, бактылуу болушат" деп Бекболоттун үчүнчү жолку келгенинде макулдугун беришти. Карлыгач негедир кыялындагы жигитти элестетип Нуржигитке анча көңүл бурбады, бирок жолугуп сүйлөшүп бирге басып калганда ага кош көңүл болбой калды, "балким сүйүп кетем, бактылуу болсом болду" деген чечимге келип ата-энеси, бир туугандарынын коштоосу менен ошол жылы турмушка чыкты.

Нуржанат Карлыгачты абдан жакшы көрөт. Айылдагы кесиптик окууну окуп трактор айдап, эрте кетип, кеч келет. Бекболот досуна ыраазы болуп ич арадан калыңды аябай берди. Алардын берген калыңына жооп кылып жалгыз кызына септи алар дагы абдан жакшы алып келишти. Ошентип достуктун арты куда-сөөк болуу менен аяктап, ортодогу ысык мамилелери эки жаштын эртеңки тагдырынан кабары болбой бакылдашып жатып калышты. Карлыгач болсо ата-энесинин көңүлүнө карап Нуржанатка чыккан менен мисирейип ага ичи жылыбады. Муз болуп тоңуп, таш болуп катты да калды. Жумуштан келген Нуржанатка түнбү же күнбү туруп тамагын берген кайненеси Азимкан Карлыгач келини бурулуп уулуна көңүл бурбаганын байкап ичтен тынып кала берчү болду.

- Какен, - деди бир күнү Нуржанат, - Сен мени сүйбөйсүң го, ээ?

- Эмнеге? - Карлыгач мостойо карап койду.

- Эгерде сүйсөң башкача болот эле, мен сага жакпайм го?

- Жакпасаң эмнеге тиймек элем? - Суз гана жооп берип, - Сүйүү деген эмне экенин өзүң билесиңби деги? - деди.

- Мен сени сүйгөм Какен, ага ата-энебиздин достугу кошумча болду, сенин мага кылган мамилең өзгөрбөдү го?

- А мен эч кимди сүйүп көрө элекмин Нуржанат, сүйүү деген кандай нерсе, кантка окшоп ширинби же тузга окшоп ачуубу, балким өрт сымалдыр, а кокус ташкындаган дайра болуп жүрбөсүн? - Карлыгач аны тике карап туруп ойлуу сураганда ал:

- Сен туура таптың Какен, сүйүү деген сен сезгендей көзгө көрүнбөй таттуу да, ачуу да болот, кээде ташкындаган дайрадай ашып-ташса, бирде жалыны дүйнөнү каптап өтчүдөй өрткө айланат, - Нуржанат Карлыгачты кучагына кыса саамай чачын сылап жаагынан аста өөп койду, - Эчтеке эмес, бир кезде сен дагы сүйүүнүн даамын татасың, жалыныңа өрттөп, мээримиңе бөлөп сүйүүнүн балын дал өзүмө таттырасың жаным! Кыскасы, биз бактылуу болобуз, - Нуржанат келинчегин ойлуу телмире тиктеп сыртка чыкты: "Бекер кылган окшойм, сүйбөгөнгө сүйкөнбө деген ырас окшойт", деп ары-бери басып жүрүп анан кирип жатты. "Мындай аялдан көрө жыланды кучактап жатканым жакшыдыр" деп төшөктө жатып да ойлончу болду. Анан ал акыры өзүн сүйдүрүүгө аракет кылып, ата-энесинен бөлүнүүгө ата-энесине кеңешти. Анткени алар менен чогуу жашап турса ээн-эркин ага каалагандай мамиле жасап өз оюн ишке ашырууга болбосун сезди. Бекболот ансыз да аны бөлүп коймок болуп Азимкан экөө кеңешип жатышкан.

- Балдарым, эми өз түтүнүңөрдү өзүңөр булаткыла, алда качан сатып алып койгон үй ээн турат. Биз эми калган балдарды үйлөйбүз, - деди Бекболот.

Ошол эле айылдын четинен жер бөлүп алып үй салып койгон. Кармышак менен Күмүштү чакырып бир койду союп уул-келинин көчүрүп коюшту. Энчи бөлүп, себин толук берип жеткирип коңшу-колоңун чакырып тойчук беришти. Кармышак тойго тай жетелеп килем, ала кийиз, төшөк алып келип берди. Каттоолору жакшы болгондуктан төрт бөлмө үй бат эле толо түштү. Эми ээн калгандан кийин Нуржанат ар кандай амал ойлоп таап келинчегине жагууну көздөп жүрдү. Бир күнү эртең менен эрте жумушка бараардан мурун туруп алып талаага барып кыпкызыл гүл терип келди, кучак толгон гүлдү уктап жаткан Карлыгачтын жанына отура калып бир сабагын алды да мурдуна тийгизе:

- Ээ сулуу кыз, уйкуңуз кандыбы? - деди жылмая.

- Мм-м! - Кериле көзүн зорго ачкан Карлыгач көптө барып жанында отурган күйөөсүн көрүп, - Кете элексиңби? - деп кайра жатып алды.

- Туруңуз сулуу, менин сүйүүм сени чакырып жатат! - Нуржанат аны бетинен, мойнунан сугалактана өөп ойготуп жатты, - Карачы кызгалдакты, сен дал ушул кызгалдактайсың жаным! Гүлдүн үлбүрөгү кандай назик, кандай жыттуу болсо, сен ошондойсуң!

- Койчу, уйкумду бузбай кете берчи ишиңе! - Карлыгач ары бурулуп кетти.

- Менин сүйүүм, менин махабатым, кызгалдагым менин! - Нуржанат Карлыгачты көтөрүп алып бет жуугучтун жанына алып барды да, - Бактым менин, мен жумушка кетип калсам уктай берип ачка болосуң, ойгончу эркем, чай кайнап калды, - деп алдына алып отуруп алганда эртең менен эрте алардын үйүнө келаткан Бекболот короонун оозунан келатып токтой калды, - Какен турчу, атам келатат! - Нуржанат шашкалактай аны жерге койо койду да бутунун жылаңайлак экенин ойлоп домашныйга жүгүрдү. Карлыгач чачын оңдоп, жоолугун салынууга үйгө кирди.

- Ээ уулум, кандай? - Бекболот эч нерсе сезбегендей Нуржанатты карай ээк кага сурап койду.

- Жакшы эле.. . - Нуржанат башын сыйпалай жер карады.

- Уулум, сени эркек дейт, аялды эркелетсең да үйдөн эркелет, бу эшиктен эл көрсө Бекболоттун баласы катынга кароо экен дебейби, кой мен кетейин, - деди да кайра артына бурулуп жүрүп кетти.

Нуржанат унчуга албай калды.

Бекболот үйүнө кетип жатып: "Бекер кылган окшойм, баламды теңине албай бу келин сулуулугуна чиренип кыйнай турган болду. Эмне кылсам экен - дагы күтө турсамбы же ажыраштырып эле койсомбу?" деп үйүнө ойлуу келди. Анын тез эле келгенин көргөн Азимкан:

- Сабырың суз, сага эмне болду, балдар жакшы турушуптурбу? - деди.

- Жакшы. Балаңды өзүбүз кыйнап койдук окшойт, башка эле кыз алып бергенибизде болмок экен.. .

- Ийи, анчалык эмине болуп кетти?

- Ушу сен эчтекени байкабайсың, сезбейсиң дагы. Нуржанат келиниңдин алдында шахматтын ташындай тегеренип калды, Карлыгач аны теңине албай жүрөт го?

- Койчу кайдагыны сүйлөбөй, жаш эмеспи, бара-бара көнүп кетишет, - Азимкан күйөөсүнө минткен менен: "ырас эле, Нуржанатка жүзүн жылмайтканын бир дагы көрбөдүм, жүрөгүндө жылуулук жоктой. Курган балам ай, эми эмне болоор экен?" деп ойлоп ары карай басты.

Карлыгач күйөөсү жумушуна кеткенден кийин телмирип терезеде турганы турган. Не ойлонуп жатканы, не катып калганы белгисиз, кардынын ачканын да сезбей тура берет. Муну күндө жолдон өтүп жүргөн Адис байкап калды. Ал ары өтсө деле, бери өтсө деле турганын көрүп өзүн карап тургандай сезип, оюнда өзүн жактырып калгандай кыязда бир күнү үйүнө баш бакты. Адистин эки баласы менен аялы кетип калган, ичкиликтин айынан үйбүлөсүнөн ажыраган ал эптеп ичпей карманып жумуш таап иштеп жүргөн эле.

- Ким ба-ар үйдө? - деп ачык турган эшикти такылдатты.

- Сиз кимсиз? - Карлыгач жүгүрүп чыга калып аны каштарын кере жийиркенгендей карады.

- Аа-а мен.. . Мен Нуржанатка келдим эле.

- Ал жок! - Карлыгач эч нерседен күмөн санабай артына кайрылып кеткенде Адис шарт анын артынан кирип келди да кучактай калды.

- Билем, мени күндө карап жүрөсүң, көңүлүң барын да билем, күйөөңдүн жогу жакшы! - дегенче Карлыгач чаңырып тыбырчылай анын колунан бошонууга аракет кылып жатты:

- Акмак, койо бер дейм!.

Адис аны жулунганына карабай уйпалап:

- Койчу эми, менде көңүлүң бар экенин жакшы билем! Мейли, кылыгыңды кыла бер, а мен өз ишимди бүтүрөм!.

Адис жанталаша аны чечиндиргиче Карлыгач анын колдорун тиштегилеп кара терге түшүп бакырып атты:

- Акмак, шүмшүк, койо бер дейм, койо бер, акмак!

- Эмнеге койо берем, а-ал атаңдын көрү, карачы денеңдин аппактыгын, эстен тандырат го чиркин!.

Адис аны сугалактана чечиндире албай жатканда Нуржанат кирип келип ай-буйга келбей эле желкеден алып өйдө кылды да:

- Эн-неңди алкаш, бул жерде эмне кылып жүрөсүң?! - деп муштуму менен бетке коюп жиберди, - Кана сүйлөбөйсүңбү, эмне кылып жүрөсүң?

- Нуке, кечирип кой, аялың өзү чакырган мени!

- Ка-алп! - Карлыгач ыйлап отурган жеринен үнүнүн барынча бакырып ийди, - Калп, бети жок акмак, мени жаманатты кылгысы келди! Нуржанат, ал калп айтат, мен аны тааныбайм!

- Терезеде туруп алып күнүгө мени караганың жалганбы? Өзүң арбап атканың аз келгенсип тааныбайм дейсиң! - Адис жандалбастап жатты.

- Жогол, экинчи ушул үйдү көздөй басканыңды көрбөйүн, - деп Нуржанат аны түртүп чыгарып жиберди да, ыйлап отурган Карлыгачтын жанына келди:

- Сен ыйлаба, терезени карап туруп алсаң ал өзүн карагандай сезгендир да.. . - Колтугунан ала өйдө кылды, - Эч капа болбо, өзүңдү карма, - Эки бетинен өөп сооротту.

- Ал калп айтып жатпайбы?

- Айта берет да, мындан кийин терезени карабай жүр!

- Макул.

Карлыгач жашын аарчып отуруп калды, ошол убакта анын көңүлү айнып кускусу келип кетти. Эшикке чыгып кусуп атканда:

- Коркуп калдың окшойт, өзүңдү жаман сезип жатасыңбы? - деп үйрүлө калды Нуржанат.

Карлыгач үндөбөдү. Нуржанат өзү тамак жасап убараланып жатты. Карлыгач тамактын жытына ого бетер көңүлү айнып эч нерсе ичпеди. Нуржанат ага айланчыктап жанынан чыкпай күйпөлөктөп жатканда ата-энеси келип калды. Алар уулунун аялына үйрүлүп түшүп жатканын көрүп бир-бирин карап ичтеринен тынды.

- Эмне, Карлыгач ооруп жатабы? - деп Азимкан уулуна карады.

- Ооба, эчтеке ичпей атат.. . - Нуржанат жер карады, - Кусуп атат.

- Ошол элеби?

- Ооба..

- Анда бой-союнда болсо керек, эчтеке болбойт.

- Ыя? - Нуржанат апасын делдейе карады, - Ошондо кусабы?

- Анан эмне, кусат, көңүлү айныйт, - Азимкан келининин жанына отурду, - Эртең тиги Салияга барып көрсөтүп келейин, ээ балам?

- Макул, - Карлыгач алардан тартына жаткан жеринен туруп отуруп калган, - Эртең дем алыш да, бүрсүгүнү баралы, апа.

- Мейли, эртең жуунуп-таранып даярданып ал, өзүм көрсөтүп келем.

Азимкан ушинтти да Бекболот экөө кайра үйүнө кетишти. Аларды узатып кайра кирген Нуржанат Карлыгачты жерден так көтөрүп алып айланта өзүнчө бактылуу болуп жатты:

- Биз балалуу болобузбу алтыным? Балалуу болсок баары жайында болот ээ? Сен мага биринчи уул төрөп бересиң! - Жерге түшүрүп муздай мупмуздак болуп тоңгон аялынын жездей саргарган өңүн, сумсайып бир жылмайып койбогонун көрүп ага, - Алтыным, күлүп жүрсөң сага аябай жарашат. Жарым жыл болуп баратат, неге күлүп койбойсуң, же мени сүйбөйсүңбү, мага тийгениңе өкүнүп жүрөсүңбү, айтчы?! - деди жүзүн өзүнө каратып.

- Бул сөздү алда качан сүйлөшкөнбүз, кайра-кайра сурай бергенден тажабайсыңбы? Мен тажап бүттүм! - Карлыгач анын колун түртө ары карап кетти.

- Карлыгач, мен сенден үмүтүмдү үзбөй, жүрөгүңдөн орун аламбы, сага жагамбы деп жүрөм. Биз азыр эрди-катынбыз, баары бир менин аялымсың, эми балалуу да болсок баары жакшы болооруна ишенем, - Нуржанат аны артынан кучактап, - Берчи мага жүрөгүңдөн бармак басым орунду, суранам, мынчалык мерез болбочу, жаным?! - деп башын анын далысына жөлөп туруп калды.

- Башым ооруп атат Нуржанат, барчы ары, мен жатам.

Карлыгач аны түртө салып төшөккө жатып алды. Анын жандүйнөсү тарып, эмне кылаарын билбей көз жашын көлдөтө ийнин солкулдатып ыйлап жатты. Нуржанат сыртта, ал өзүнчө кыжаалат: "Неге үйлөндүм? Сүйбөсө өз жайына койсом мындан ары корунбай көнүп кетээр, дагы чыдайын", деп өзүн өзү сооротуп көпкө басып жүрүп анан үйгө кирди. Карлыгач баягы калыбында жатат.

- Карлыгач, күүгүмдө жаткан болбойт, туруп салкын абага чыгып эс алчы.

- Жо-ок, тургум келбейт.

- Ошо кантип болсун, оорулуу адам гана жатат бул убакта, дени-карды соо киши күүгүмдө жаткан жаман. Анан дагы боюңда болсо балага жакшы.

- Койчу, төрөгүм келбейт, эгер боюмда болгону чын болсо алдырам!

- Эмне-е? - Нуржанат анын жанына отура калып аны карыдан ала бери каратты, - Эмне дедиң?

- Алдырам, баланын мага кереги жок!

- Айбан болбо, балалуу болсок жакшы эмеспи. Менин балалуу болгум келет, апамдын айтканын угуп кандай кубанганымды билсең минтпейт элең.. .

- Баары бир, мага баланын кереги жок, - Карлыгач мисирейген бойдон айтканынан кайтпады.

Шагы сынган Нуржанат унчукпай туруп барып ордуна жатып алды.

Алардын бирге жатпай жүргөнүнө эки жумадай болуп калган, кеч киргенде эле Карлыгач башым же ичим деп эптеп бирдеме жамынып жатып алат. Нуржанаттын бөлүнгөндөн кийинки жашоосу тозокко айланды, эртең менен же кечинде дасторконго чогуу отуруп тамактанышпайт. Карлыгач чай, тамагын коюп койот да бир нерсеге шылтоолоп чыгып кетип ал кетип жатканда кирет, мындай жашоо кимди тажатпайт? "Аял алып жашоомду өзгөртүп бактылуу жашайм" деген Нуржанаттын тилеги таш каап, муз болуп тоңгон, таш жүрөк аялга жолукту. "Бара-бара көнүп кетет" деген оюнан кайтып көңүлү кала баштаганда боюна болуп: "эми төрөсө өзгөрөт" деген ойго алданып калса, "алдырам" дегени жанына тийди. Заматта уруп-согуп баш ийдиргиси келген менен, өзү жан адамдын көңүлүн калтырбаган кичи пейил, ак көңүл, жумшак жигит аялына колу барбайт. Дагы кандай окуялар болуп кетээрин эч кимиси сезмек эмес…

Эртеси Азимкан ой боюна койбой ээрчитип алып врачка көргөздү эле, эки айдан өткөн түйүлдүк болгону белгилүү болду. Карлыгач кабагын карыш салып, үйүнө келгенден кийин күйөөсү жумуштан келээри менен:

- Эртең мен боюмдан алдырам, азыр апамдарга барып айтам, - деди күңкүлдөй.

- Эмнеге алдырасың? Бала меники, сен менден жоопсуз эчтеке кылалбайсың, апаңа мен кошо барам! - Нуржанат кечээтен берки ойлогон оюн айтты, - Эч качан алдырганга жол бербейм, кетсең төрөп берип анан кет. Мен сага жакпасам, өз канымдан жаралган баланы өлтүртпөйм!

- Ыя? - Карлыгач аны селдейе карап калды, - Өлтүртпөйм дейсиңби, мен өлтүргөн жатамбы? - Түшүнбөй ойлоно түштү, - Мен сенин балаңды өлтүрөт бекемин?

- Эй эси жок, боюңдан алдырганың өлтүргөнүң да, ошону түшүнбөйсүңбү?

- Жо-ок, ал бала боло элек, - Карлыгач унчуга албай ички үйгө кирди, отуруп алып ыйлай берди, анан кийимин чогултуп чемоданга салды да, - Сен мени алдай албайсың, азыр барып кеңешем, өзүм жаш туруп баланы эмне кылам? - деди да чыгып кетти.

Нуржанат эчтеке дебей кала берди: "Ата-энесине мен барып болгонун айтсамбы? Эгер алар кызынын түбөлүгүн ойлосо анын боюнан алдырбайт. Эртең менен жолунан тосуп көрүнбөй аңдыйын" деп ойлоп анын артынан чыкпай отуруп алды. Бир туруп көңүлү ирээнжиди, бир туруп өз сүйүүсү үчүн алынын жетишинче күрөшкүсү келди. Бирок эркектик токтоолугу, көтөрүмдүүлүгү жеңип, акыры эмне болоорун күтмөк болду. Бирок көңүлү жай албай жөнөдү.

Күүгүмдө кирип келген кызын көргөн ата-эне аны таңгала карады. Колунда кийим салган чемодан, көзү тоодой болуп ыйлап алган.

- Кызым, сага эмне болду? - Күмүш ордунан тура калып колундагыны ала койду, - Нуржанат экөөңөр уруша кеттиңерби?

- Жо-ок, - Карлыгач ого бетер шолоктоп кирди.

- Анан эмне болду, ыйлабай айтчы бай болгур.

- Эмне эле такып калдың, отургузуп жайыраак эле сүйлөшсөң боло? - Бекболот аялына оңурая карады, - Кирип келээри менен эле суракка алып кирдиң да? - дегенде ал үндөбөй калды.

Ушул учурда Нуржанат терезе тушунда турган, көпкө чейин тура берди, алардын сөзүн угуп чечим чыгармак болду оюнда. Карлыгач отургандан кийин апасы астына тамак койду эле ичпей койду. Анын мурдун чүйрүп ичкиси келбей калганын байкаган эне кош бойлуу экенин дароо түшүндү. Келин-уулу өздөрүнчө бөлмөгө кирип, күйөөсү жаткандан кийин анан эне-бала сырдашып отурду. Кызынын оюн угуп жини келе сүйлөдү.

- Ал эмне дегениң кызым? Баланы кудай бергенге берет, бала эмес баланын жытына зар болгондор канча? Күнөөкөр болбо, алдырам дегенди унутуп күйөөңө бар!

- Сиз эмне түшүнбөйсүз, мен силерди жер каратпайын деп макул болгом, болбосо Нуржанатка тийбейт болчумун!

- Азыр Нуржанат эмес өз балаңды өлтүргөнү жатасың кызым, ошону түшүнөсүңбү?! Биринчи балаңды алдырып койсоң кийин төрөбөй каласың!

- Төрөбөсө төрөбөй эле койдум.

- Антип кесир кылба, кийин өкүнүп какшап калбагандай бол кызым. Эсиңе кел. Нуржанат көңүлүңдү калтырбаса, жаман айтпаса, өз ырыскыңды теппе. Энелик акылым, эсиң барда этегиңди жый!

- Мен балалуу болгум келбейт апа, болгондо да өзүм сүйбөгөн адамдан!.

Угуп турган Нуржанаттын жүрөгү зырп этип алды, көзүн жумуп ийди: "Энеңди урайын десе, сен сүйбөсөң мени сүйгөн кыздар толо болчу, бекер кылган экем" деп андан аркысын уккусу келбей үйүн көздөй кетип жатып жолдогу дүкөндөн бир бөтөлкө арак алып, алды да үйүнө келип ичип алып кулагына кайра-кайра Карлыгачтын үнү угула берди.

Карлыгач апасынын сөзүн укпай алдырам дегенден башка сөзгө өтпөдү, эртең менен муну уккан Бекболот:

- Кызым, эгер өз билгениңди кыла турган болсоң бул үйгө басып келбе, сени "жалгыз кызым, жалама тузум, алысты жакын кылат, ачууну таттуу кылат" деп ишенип жүргөм. Атанын сөзүн, эненин акылын укпаган баланы кечип койсо бир баладан эчтеке болбойт. Бактык, эркелетип өстүрдүк, кайда барсаң өзүң бил, бул үйдүн босогосун аттаба! - деп коюп туруп кетти.

Эң кичүү агасы Турсунбек дагы:

- Какен, сен жалгыз кызсың, атам менен апам, агаларың биз дагы сенин багыңды ойлонуп жатабыз. Эсиң болсо бизди уккун да үйүңө баргын, эч ким эчтеке дебесе ушунуң туура эмес! - деди.

Ага акыл насаат айтып, апасы ыйлап-сыктап көндүрүп үйүнө ээрчитип келди, Нуржанат жумушка кетип калган, анын түндө ичкен арагынын бөтөлкөсүн көрүп, Күмүш чоочуп кетти:

- Ботом, Нуржанат ичеби?

- Билбейм, мен кайдан билмек элем? - Карлыгач дале жинденгени, ата-энесине таарынганы тарабай апасына бурк эте жооп берди.

- Ал эмнең, койнуңда жаткан эриңдин эмне кылып жүргөнүн билбейсиңби? Сенин көк беттигиң жаман. Бекер кылган экемин, баланы бекер кыйнап жатсаң керек, кокуй. Бирөөнүн баласы ал дагы, убалына каласың го минтсең?

- Өлүп кетпейби! - Карлыгач кебелип да койбоду.

Күмүш кейип-кепчип, кызынын кыял жоругуна нааразы болуп отуруп үйүнө кетти, кетип баратып:

- Кыялыңды оңдо, дагы жанагы сөзүңдү кайталай турган болсоң өзүм сени бул үйдөн кетирем да экинчи бизге баскыс кылып турпагымды түйүп берем! - деп чыгып кетти.

Нуржанат жумушуна барып атайын суранып кайра келген, ал кайненесинин үнүн угуп жашынып турган, ал короосунан чыгып кеткенден кийин акырын үйгө кирди. Эч нерсе дебеди, өзү тамак жасап жеди да, орун салып жатып алды. Түндөгү ичкен арактын башын оорутканына чыдабай жолдон дагы ичип алган. Карлыгач отуруп-отуруп, тажагандай туруп үйүн жыйнаганга киришти: "Ата-энемден кечип кайда барам, алар мени кандай гана кылып чоңойтушпады. Аргам жок, тагдырым ушундай болсо көнбөскө чарам барбы, балким көнүп да кетээрмин" деген ойдо жумуш жасап алаксымакка өттү.

Нуржанат өзүнүн токтоолугунан баарына чыдап ата-энесине эч нерсе айтпай жүрө берди: "Балалуу болгум келбейт, болгондо да сүйбөгөн адамдан" деген анын сөзү мээсине орноп, үнү кулагынан кетпей, кээде катуу ойлонгондо жүз граммдан жутуп алчу болду. Жумушуна билгизбей тракторунун отургучуна бир бөтөлкө аракты катып алат да кечке кызуу болуп гаражга келип токтоткондо механиктерине көрүнбөй кетип калат. Анын жүрүш-турушу, өңү өзгөрүп, жүдөгөндөй болуп баратканын байкаган ата-энеси ичтеринен тынып жүрүп өздөрүнчө кеңешишти да, бир күнү үйүнө келишти. Карлыгач алар келгенде мурункудан өзгөрө түшкөндөй төргө төшөк сала коюп дасторкон жайып, чайын койгондо унчукпай бир-бирин карап туруп калышты.

Аңгыча Нуржанат келип калды, ал бир аз алагүү болчу. Ата-энесин көрүп үндөбөй дасторкон четине отурду да, аялы сунган чыныны алып ичээр ичмексен болуп үңкүйүп отура берди.

- Уулум, бу сен эмнеге жүдөп жүрөсүң? Өңүң азгын. Жумуштан кыйналсаң Карлыгач экөөң шаарга барып агаларың менен эжелериңдин үйүнө жүрүп келгиле. Сен кыйналып кеттиң окшойт, жазга чейин иштебей эле койчу, - деди Азимкан кейий.

- Ошент балам, келин экөөң шаарга барып келгиле, канча жүрсөңөр да көңүл ачып келгиле, - деп Бекболот уул-келинине карады эле Нуржанат ызалуу:

- Досуңдун кызын мени сүйбөсө да "силердин көңүлүңөр" деп алып мен бактылуу болдум -келиниңер мени теңсинбейт, шаарда эмес айылда мени менен жүргөндөн уялат, анан шаарга барайынбы, кантип??? - деп жаактары түйүлө, муштумун бекем кыса жер карады.

- Нуржанат, эмне деп жатасың?! - Карлыгач уялганынан ордунан тура калды.

- Ооба-ооба, менин сага тең эмес экенимди өзүм да билем, ата-энеңдин күчү менен жашап жүргөнүңдү да билем, эгер сен кетсең алар сага турпагын түйүп берип балалыктан кечип койорун да билем! - Көздөрүнүн чарасы мелт калт болуп төгүлүп кетчүдөй жашка мууна түштү..

- Болду, сен эркексиң да уулум, ар кандай түшүнбөстүккө чыдаш керек. Карлыгач андай эси жоктордон эмес. Мен айтканды аткарасың, эртең шаарга барып ойноп келгиле! - Бекболот уулуна буйрук бере сүйлөдү да, - Жүрү кемпир, жолго керектүүсүн камдап жөнөткөнгө камыналы, - деп Күмүштү карады да ордунан турду.

Алар чыгып кеткенден кийин Карлыгач:

- Нуржанат, мени кечир, мен баарын ойлонуп көрдүм, туура эмес кылганымды түшүндүм, - деп ыйлап анын жанына келди.

- Ата-энеңдин сөзүн кыялбай дагы менин башыма чай кайнаткың келип турабы же өзүңдүн чечимиңби?

- Өзүмдүн чечимим, балалуу болсок баары жакшы болоор деп ойлом.. .

- Болуптур, али кеч эмес, - Нуржанат Карлыгачты кучактап өөп, сооротуп жатты, - Билесиңби Карлыгач, мен сени чын дилим менен сүйгөмүн, эгер ата-энем ортого түшпөгөн болсо да сени ала качып алмакмын.. А сен аны түшүнбөй жүрбөйсүңбү?

- Болду эми, мен сендикмин, Нуржанат.

Карлыгач ушинтип ага айткан менен жүрөгүндөгү муз эрибеди, өзүн зордоп тагдырына аргасыз баш ийүүгө ичтен сызып: "мейли, балким убакыт өзү дарылаар, сүйүп же көнүп кетээрмин. Төрөп алсам баары башкача болуп өзгөрүп, жакшы жашап калабыз" деген ойдо анын кучагында үнсүз телмирип отура берди.

Нуржанат ушул саам колуктусу кучагында турганына ишенип ишенбей чынын же төгүнүн билбей бактылуу болуп турду, анткени үйлөнгөндөн бери бир да жолу анын минтип өз эрки менен кучагында турушу эле. Көптөн кийин Карлыгач андан бошонуп жумуш жасоого киришти. Кечки тамак негедир даамдуу болду, экөө бет маңдай отуруп тамактанды. Мурдагыдай болуп этин жыйра өзүн андан ала качпай төшөгүн салып жатып, сүйлөсө жооп берип, жаркылдап күлбөсө да күйөөсүнө көңүл бура жанында жатты…

Адамдын тагдыры болоор болбостон чоң бурулушка барып такалары бышык, оңдойм деп андан да артык кылып бузуп алышы мүмкүн. Карлыгач ушул азыр ата-энесинин айтканынан чыга албай аз да болсо күйөөсүнүн көңүлүн көтөрүп, өзүн алаксыткысы келген менен өтө чоң каталык кетиргенин түшүнгөн жок. Болгону ал балалуу болуу бактысын карманып калды, ал эми Нуржанаттын өмүрүн тозокко айлантаары оюна да келбеди….

Бекболот уул-келинин эртеси эле шаарга салып жиберди. Аларды тозуп алышкан улуу агасы иниси менен келинин жакшылап коноктоп калды. Карлыгачты балдары тегеректеп алып чурулдашып атты. Нуржанат бир аз алаксып бир эки күн аерде болушту, андан кийин эжесиникине барышып, ал жерде болуп сый көрүшүп, Шааркандын кызы Карлыгачты жандап, ага:

- Жеңе, жүрүңүз концертке барып келебиз, - деп калды.

- Эжемдер эмне дейт, уят го?

- Эмнеге, алар урушпайт, мен жооп сурайынбы? - Гүлүм ага болбой эле апасына айтмак болуп чыга жөнөдү.

- Гүлүм, жөн эле койчу, - Карлыгач аны токтотмок болуп токтоду.

- Апа, - деди Гүлүм, - Жеңем экөөбүз концертке барып келеличи? - Эркелей кетти, - Апа, барып келелиби?

- Кой, аны тим кой, барса күйөөсү экөө барат, сен ойкуштабай жөн тур! - Шааркан кызын урушуп койду эле ал ага болбой эркелей берди.

- Барып келели да.. .

- Жөн тур дейм!

- Апа дейм, апа-а, барып келели да, жеңеме концерт көрсөтүп келейинчи?

- Нуржанат, Карлыгач экөөңөр Гүлүм менен чогуу барып келгилечи, - деди Шааркан айласы кеткенде.

- Чын эле, барса барып келсин, келиндин дагы көңүлү ачылат, - Дамир аялына карады, - Гүлүм, тур жеңеңди кийин де!

- Барсаңар барып келгиле. Дамир, чогуу эле барып келбейлиби? - Шааркан күйөөсүн карады.

- Маакул, барса барып келебиз. Тургула, кечигип калабыз.

Дамир ордунан турду. Чогуу чыгып концертке барышты. Ошол күнү куудулдардын концерти болмок, эл көп, билет саткан түйүнгө келип алты кишиге билет алып кирип орун алышты. Оюн жакшы болду, Нуржанат жанында отурган Карлыгачты улам карап коюп отурду, ал улам эл күлгөндө жылмайып койот. Алар шаарга келгенден бери экөө анча ээн боло албай жатаарда гана биригет. Баягыдай боюн ала качып өзүнө жолотпой ары карап жатканын коюп, Карлыгач азыр күйөөсүнүн эркинен чыкпай калган. Ушул учурда Нуржанат анын кыз кезиндеги оюнкарак, абдан шайыр кезин көз алдына келтирип алды..

Бир жолу Нуржанат Карлыгачты жолуктуруп сүйлөшөм деп барып төрт кыз, үч бала менен турганын көрүп жашынып калды:

- Кызда-ар, - Карлыгач жанындагылардын көңүлүн өзүнө бурмак болуп алаканын шакылдатты, - Кызда-ар!

- Ой эмне болуп кетти? - Бирөөсү карап калды.

- Дагы эмнени ойлоп таптың? - дешип каткырып калышты.

- Мен бир жигитти сүйүп калдым! - Карлыгач аларды өзүнө каратып алып кабагын түйүп, - Силер мага жардам берсеңер, мен аябай бактылуу болмокмун! - деди.

- Ким экен ал бактылуу жигит?

- Ушу сенин сүйүп калганыңа ишенбейм ай.

- Сөзүн угалычы эми, сүйсө сүйүп калгандыр.. .

- Мени сүйүп калсаң кандай бакыт? - Кыздардын чурулдаганын токтото балдардын бири анын маңдайына тура калды, - Айтчы, бактылуу жигит мен эмесминби?

Нурадил күлүп, Карлыгачтын колун кармамакчы болду, бирок ал ары басып:

- Менби, сениби? Жоок жаным, мен дүйнөнүн чемпиону, кино актёр Марк Дакаскосту сүйүп калды-ым!

- Оо-уу!

- Эмне-е?

- Укмуш ай, - дешип кыздар ооздорун ачып калганда Карлыгач каткырып:

- Эмне таң каласыңар, сүйсө болбойбу? - деди.

- Андан көрө жаныңда турган бизди көрбөйсүңбү, капкара кылып аны эмне кыласың?.

Нурадил аны тамашалай жылмайды, Карлыгач анын маңдайына барып, ээгинен кармап алып ары-бери кылып карап, анан мурдун чүйрүп аны акырын жаагынан ары түртүп койду:

- Сен жарабайсың, ал капкара болсо да асмандагы жылдызга тең, а сен биздин айылдын бир баласысың да, ээ кыздар, туурабы? - деп койгондо курбулары анын тамашасын түшүнүп:

- Туура, дүйнөлүк жылдыз деген башка, а сен башкасың, - деп күлүп калышты.

Сөзгө чебер, кепти таап сүйлөгөн Нурадил кыздарды карап:

- "Басмайылдын кысканын жигит билбейт, ат билет, Эр жигиттин мыктысын жакын билбейт, жат билет" - деген сөз бар, жаныңарда турган мыкты жигиттерди билбей асмандагы жылдыздарды самаган кыздарга сөз короткуча.. . - деп беркилерди карады, - Кой жигиттер, кеттик, кыздардын үмүттөрү биз эмес Марк Дакаскос, Джет Ли, Ван Дамм болуп калыптыр, - деп достору менен ары басканда Карлыгач кыздардын ортосунда аларды карап каткырып:

- Таарынбагыла жигиттер, силер биздин Ван Дам, Джет Ли, Марк Дакакосубузсуңар да! - дегенде баары күлүп калышты.

Нуржанат акырын артына бурулуп ушу турган ойноок кара көз сулуу кызды жанындагы боз балдардан кызганып ого бетер сүйүп: "Сен акыры меникисиң да" деп өзүн алаксыта жылмайып басып кеткен.

Азыр ошолорду ойлоп келинчегинин жүзүнөн ошондогу жаркылдаган күлкүнү таба албай ийнинен улутунуп алды.

Шаарга келген үч төрт күндөн бери бир туугандарыныкына конок болуп жүрүп эч жакка чыгышпады. Бекболот почтодон сүйлөшүп ар бирине дайындап, келининин кош бойлуу экенин, көңүлүн ачып ойногонуна "акча-тыйынды аябагыла" дегендиктен алар экөөнү жакшы карап атышты.

Карлыгачтын сумсайып, күйөөсү менен бир да жолу жаштардай болуп жылуу мамиле кылбаганын көргөн Шааркан ичинен ойлонуп калды.

Бир күнү ал ашканасында жүргөн. Нуржанат Карлыгачтын жанына отуруп кучактап өөп:

- Карлыгач, деги өзүңдү бактылуу сезесиңби же.. . - деп колун кармалай жүзүнө үңүлдү.

- Көрүп турбайсыңбы, - ал ага көзүн токтото суз гана карап жооп берип койду.

- Сенин күлүп шайыр жүргөнүң жакчу мага, ошол күлгөн күлкүңдү, жаркылдаган жүзүңдү көргүм келет, Какен?

- Жөн эле күлө беремби?

- Мага муз тоңгон көздөрүң менен карабай күлүп карап койчу, тоңгон көз карашың жүрөгүмдү үшүтүп баратат, - Нуржанат ойлуу ордунан турду, - Жүрү, сыртка чыгып парк аралап келеличи.

- Жок, эчтекеге көңүлүм жок, сен барып келчи, - Карлыгач диванга жатып алды.

- Эмнеге, мен жалгыз паркка барайынбы, мени менен барыштан уяласыңбы? - Нуржанат ачуулана үнүн бийик чыгарып ийгенде Шааркан кирип келди.

- Эмне болду?

- Эчтеке! - Нуржанат эжесине айткандан тартынып, ашканага чыгып кетти.

- Паркка барып келели дегенинен көңүлүм жок десем эле кыйкырып атат, - Карлыгач жер карай күнөөлүдөй үн катты.

- Ой кокуй күн десе, мен дагы эмне болуп кетти деп чоочуп кеткенимчи, - Шааркан инисинин артынан чыгып, ага, - Нуржан, аны кыйнаба, боюнда бар аялды аяшың керек, тамакты анча ичпейт экен, сен аны минтип уруша бергениң болбойт, - деди аста.

- Боюнда болсо да, жөн да мени менен баскысы келбейт, мен муну менен ажырашам! - деп Нуржанат сыртка чыгып кетти.

- Обу жок десе.. . - Шааркан унчукпай кала берди.

Нуржанат кечинде кызуу болуп келди, эжеси аны күйөөсүнө билгизбей ордуна жаткырып коюп сыртынан тыңшап турду, инисин аялы менен урушуп кетеби деп чочулаган эле, бирок андай болгон жок, көптөн кийин бутунун учу менен басып өз бөлмөсүнө кетти.

Нуржанатты Шааркан тилдеп атып аялы экөөнү күндө паркка, киного, театрга барып келүүгө жөнөтүп жүрдү. Карлыгач аргасыз бирге басып, жанында күйөөсү бара жатса да жалгыз жүргөн сымал көздөрү эл ичинен кимдир бирөөнү издегендей болот, мындайда Нуржанат ого бетер тумчугуп кетчү болду: "Бул башканы ойлоп жүрөт, анысы ким болду экен, ушунчалык катуу сүйгөн го. Мен бул деп жүрсөм, бул башканы.. . " деп өзүнчө кыжаалат болуп алат. Шаарга келгени алардын ортолорундагы мамиле өзгөрүп деле кетпеди. Аргасы кеткен Нуржанат бир күнү:

- Мен айылга кетем, сен каласыңбы же.. . - деди.

- Эмнеге, мен деле кетем.

- Ой деги кандай жансың, мени менен болгондо деле жүрөк үшүткөн үрөйүңдөн башка эчтеке көралбадым, андан көрө сен бир аз калып кийин бар, балким алыс болсок бир-бирибизди сагынаарбыз, түшүнөөрбүз, күтөөрбүз.. . - деп Нуржанат эжесине айтпай кетип калды.

Аны уккан бир туугандары экөөнө таңгалып жашоолорунун болоор-болбосуна күмөн санап калышты. Арадан он күн өткөндө Карлыгач кетмек болду, аны бир сыйра кийгизишип, белек-бечкектерин берип узатып коюп, Шааркан инисине карады:

- Сен атамдарга барып келсеңчи, бу келин муздай болгон неме экен, Нуржанды суутуп салыптыр, булар жашай алышпайт го? - деди.

- Мен барганда эмне демек элем?

- Атам менен апама айт, минтип жүрсө баланы бузат, ушундайда ажыратып койгону жакшыдыр.. .

- Койсоңчу эже, өздөрү билет да, балким анда да бардыр, - Улук эжесинин сөзүн жактырбай кошо басты, - төрөгүчө өздөрү чечишет да.

- Ай билбейм, тил албасаң өзүң бил, көрө жатаарбыз.

Өз үйлөрүнө кайтып баратып бир чечимге келе алышпады. Улук эки күндөн кийин айылга переговор берип сүйлөштү. Ачык эч нерсе дебеди, Карлыгачтын жеткенин билмек болдум деп койду. Ошону менен ар кимиси өз тиричилик, жашоолору менен алектенип кетишти.

Нуржанат айылга келгенден кийин өзүнүн үйүнө барып ичип жатты, жумушка барбады.

Бекболот анын келгенин Карлыгач келгенде билип барса ал ичип алып үйдүн ичи чачылган, бөтөлкөлөр толуп кетиптир, өзү эч нерсе билбейт. Каңырыгы түтөй:

- Эс алсын, эртең эрте менен келем, - деп коюп үйүнө кетти.

Карлыгач үй ичин жыйнап, идиш-аягын жууп өзүнө өзү жини келди: "ушундан көрө өлүп калсам болмок, дагы жакшы кишилер экен, баласынын мындай абалын көргөндө бирдеме десе эмне кылат элем" деп ойлонуп өзүн канчалык күйөөсүнө жакшы мамиле кылууга аракеттенсе да болбоду, өзүн кыйнап туруп:

- Нуржан, турчу өйдө, эмне болуп калгансың, турчу мен келдим, - деп башын өйдө кылды.

- Ыя, сен келдиңби, келсең жакшы болуптур, жата бер жыландай ийрилип, таштай катып, келгенде мага эмне пайда? - Башын көтөрүп аны карап кайра жатып алды.

- Койчу эми Нуржан, тур тамак ичип алчы, - ал күйөөсүн акырын чекесинен сылай, - Болду эми туруп тамак ич, - деди.

Анын ичке, жумшак, назик колдору тийгенде көзүн ачып таңгала карап, башы зыңгырап ооруп жатканын сезе:

- Андай эле бооруң ооруп жатса арак берчи, башым ооруп атат, билем сен мага сүйүү бере албайсың, ачуу аракты аябайт болушуң керек? - деди.

- Менде акча жок, кайдан алып келем, тамак ичсең басылып калат тил алчы эми.

- Ой тобо-о, сен тим эле мээримиңди төгүп-чачып калгансың го, эми сүйүү чача аласыңбы? - Нуржанат келинчегин жүзүн тырыштыра ормойо карады, - Колуңдан келеби, мен сенден күткөн нерсени бере аласыңбы?!

- Нуржан, турсаң эми.. .

- Жо-ок, сен мага эңсеген, күткөн үмүтүмдү жандырып сүйүү бере албайсың. Тур, арак алып кел! - деди да кайра жатып алды.

Карлыгач туруп күүгүм кирип келаткан кезде сыртка чыкты да бир көчө өйдөдөгү дүкөнгө жөнөдү. Барып бир бөтөлкө арак алып элеңдей үйгө кирди.

- Тур, мына арак алып келдим.

- Эмне? - Нуржанат өйдө болуп ишенип-ишенбей карап калды, - Берчи, башты жазып алайын.

- Мына, - Карлыгач стаканга куюп колуна карматты.

Ал калчылдай ичип алды да башын мыкчый отуруп калды.

- Атам эртең эрте келем деп кетти.

- Эмнеге келет?

- Сенин мас болуп жатканыңды көрүп калды, мүмкүн урушаар.. .

- Урдум силерди, баарыңарды урдум! - Ары карап жатып алды, - Баарына кайылмын, маа десе бышырып жесин.

- Антпечи Нуржан, андан көрө атам келе электе сен эрте кетип кал, ичпей өзүңдү карма, балалуу болсок кантебиз, сен ичип турсаң?

- Ий-ийи, - деп бурулуп аны карады, - Ушундай эстүү жан экенсиң го ээ, балким мени алдап жаткандырсың, анан сүйүүңдү башкадан издеп жүргөндүрсүң?

- Койчу эми, эми кайдагы сүйүү, сен турбайсыңбы! Тур, башың басылса тамак ичип төшөккө жат! - Карлыгач туруп дасторкон жайды.

Нуржанат акырын ордунан туруп сыртка чыгып келип:

- Дагы жүз грамм куюп берчи! - деди.

- Тамак ичсең, ысыгыраак ичсең башың басылып калат, көп ичсең мас болуп каласың.

- Болбойт, тур куюп бер дейм!

- Азыр, - Карлыгач дагы арактан куюп сунду, - Ичпей эле койсоң болбойбу?

- Эмнеге ичпей койом, жүрөгүм жетимсиреп сыздап жатса, түгөйүн таппай жалгызсырап ыйлап турса, ичимди өрт каптап кара күйүк болуп баратса ичпегенде кантем?

- Болду эми шылтоолой бербей.

Карлыгач аны тамак ичеби деп күтсө аракты жутуп ийип стаканды коюп койду да төшөккө жатып алды. Бир аз ага жибий өзүн зордоп көндүрмөк болгон Карлыгач анын жанына жатайын дегенде жагымсыз жыт мурдуна бур этти, көптөн бери ичип алып жата бергенге аракка аралашып кычкыл жыттанып калыптыр. Унчукпай четине жатып калды. Нуржанат кайра уктап калган. Ошол бойдон таңга маал ойгонду да арактын калганын издеп таап ичип алып үйдөн чыгып кетти. Атасынан тартынды. Калган аракты чөнтөгүнө салып алып айылдын четине чыгып, дүпүйгөн чоң түп талдын түбүнө курткасын төшөп алып кечке жатты. Эрте келген Бекболот уулун таппай калып келинин ойгото албай сыртта ары-бери басып жүрдү. Тээ бир топто барып турган Карлыгач сыртка чыгып келе жатып кайнатасын көрө койду да, кирип жоолугун салынып үйүн жыйды.

- Балам, тиги кайда кетти? - Бекболот баш багып уулун сурады.

- Билбейм, кетип калыптыр го?

- Ата-аңдын о-о-зун урайын акмак, арактан өлө тургансыган, сени шашпа, - деп Бекболот басып кетти.

Кеч күүгүмдө келген Нуржанат соо болчу, үйгө кирип эле:

- Атам келдиби? - деди.

- Ооба, сени сурады.

- Эмне дедиң?

- Эмне демек элем, сенин кайда кеткениңди билбесем.. .

- Айтпайсыңбы арак ичип жүрөт деп, - Нуржанат башын жерге салып күңк этти.

- Сенин арак ичкени кеткениңди билген жокмун, а сен ичкен эмессиң го?

- Ичтим, эми мен дагы ичем, мен эч кимге керек эмесмин. Койнумдагы аялым теңине албаса, койнуна жылан катып алып мага бир сөөм жакын жатса да ат чабым алыста жүрсө, жылуулук чачып жүрөгүмдү гүлгө ороп ырахат тартуулагандын ордуна уусун чачып турса мага мобул азап-тозогу көп жашооңдун эмне кереги бар?

- Нуржанат, жакында балалуу болобуз, баары жакшы болот, экинчи ичпе, атамдар дагы капа болуп жатышат. Жумушуңа бар, мен кийимдериңди жууп койом.

- Макул, ичпейм, - Нуржанат шалкы бош айтты да ички үйгө кирип жатып алды, - Атамдар келсе мени жок деп кой!

- Мейли.

Карлыгач каалганы жаап коюп күйөөсүнүн бут кийимдерин катып өзү идиш-аягын жууп жатканда кайнене, кайнатасы экөө тең келип калды. Келини аларды адаттагысынан башкача жаркылдай тозуп алды.

- Келиңиздер, үйгө кириңиздер.

- Акмак келдиби? - деди Бекболот босогодон эле.

- Ата, ал жумушка чыгыптыр, азыр бир жумушу менен кетти, келип калат. Тракторго запчас алып келем деди го?

- Ичип жүрөбү дагы эле?

- Жо-ок, ичкен жок.

- Жашырып койдуң го балам, мейли жашай бергиле, биз кетели, - деп экөө нан ооз тийди да кетип калышты.

Булардын баарын Нуржанат угуп туруп келди.

- Азамат, бул жолу мени актап койдуң, - деп жылмая кучагына кысып өпкүлөп жатты.

Карлыгач ага каршылык кылбай колдору менен эки далысына жабышып көздөрүн жума эркинде болуп турганда, ал аны так көтөрө калып төшөгүнө алып барды. Ошол күнү алар эчен жылдардан бери көрүшпөгөндөй, сагынышып калгандай ырахаттанып бир-бирине ыраазы болуп турушту.

Ошондон тартып алардын жашоосу баштагыдан оңолуп калды. Нуржанаттын көңүлү көтөрүлүп жумушка чыгып кечке талаада жүрүп кечинде келсе тамагы даяр, баягыдай муздак көз карашы жок жылмая тозуп алган жары, үйү таза, жашоолору майрамдай өтүп жатты. Карлыгачтын төрөөр убагы келип уул төрөдү. Нуржанаттын сүйүнгөнүн айтпа, эшигинин алдындагы гүлдөрдөн чоң букет көтөрүп алып төрөткананын терезесинин түбүнө келип:

- Карлыга-ач, мен сени сүйөм, мен сени сүйө-өм! - деп кыйкырды эле төрөп жаткан беш-алты аял терезеге келип суктана карап турушту:

- Карлыгач, сен кандай бактылуусуң!

- Күйөөң сени аябай сүйөт экен.

- Бактылуу экенсиңер, - дешип Карлыгачты карап айтканда ал ойлуу терезеге келди да, күйөөсүн жылмая карап колун көтөрүп телмире туруп калды, бирок анын көз алдында азыр Нуржанат көрүнбөй эле кыялындагы бейтааныш жигит көрүнүп, бир башкача эргип алды.

- Мен дагы, мен дагы сени сүйөм.. . - деп шыбырап жарк этип алды.

Анын ушул жылмайышы Нуржанаттын өмүрүндөгү эң бактылуу мүнөттөрүнөн болуп калды.

Убакыт өтүп наристе торолуп баратты, Карлыгач өзүн зордоп жашоодон тажап бараткансыды, уулунун эки жакты карап, колдорун сербеңдетип жатканын телмире карап отуруп: "менин өмүрүм ушинтип өтүп кетеби? Баланын ырахаты жүрөгүң менен сүйгөн адамың жаныңда болсо анан сезилет, кудай ай, неге мен өзүм каалагандай, көңүлүм эңсегендей адамга жолуга албайм, жүрөгүм айыккыс дартка чалдыгып, өмүрүм өткөнчө жарыкчылыктын жыргалын көрбөй, көңүл көксөөм аткарылбай, жан дүйнөм сыздап жүрүп өтөмбү?" деп ойлонуп отура берди. Анткени көңүлү каалабаса да сыртынан жылмайганга аракет кылган менен жүрөгү, чийки май жегендей кыйналып келет.

Нуржанаттын ата-энеси менен өз ата-энесин, күйөөсүн аяп, Карлыгач ортодо өзүнүн өмүрүн курмандыкка чалууга аргасыз болуп жатканын күйөөсү ойлободу: "Эми баары ордунда, мени акыры жакшы көрүп калды, дагы бирди төрөгөндөн кийин жашообуз ойдогудай өтө берет" деп ойлоп көңүлү эргип келинчегинин сырткы жүзүн көргөн менен ички өкүнүч, арманын сезбей келет.

Ошол күнү Нуржанат күзгү оруп-жыйууда ударник болуп сыйлык алып, кошумча акча менен үйүнө кубанычтуу келди.

- Какен, көрчү кандай күйөөң бар, совхоздо биринчиликти алып сыйлыкка татыдым, уулум экөөңөргө калаганыңарды сатып берем! - деп кубанычтуу келди, - Мени партияга кабыл алышмак болду.

- Жакшы болуптур, - Карлыгач саал жылмая уулу Денисти көтөрүп турган боюнча ага карап койду.

- Денис, уулум, карачы, атаңдай сен дагы ударник тракторчу болосуң, ээ? - Нуржанат аялынын колунан баланы ала коюп көкөлөтө эркелетип атты.

- Өзүңдөй тракторчу болсун дейсиңби?

- Эмне, тракторист жаманбы? - Нуржанат аны оңурая карап, анан, - Баса, уулумду окутабыз ээ апасы? Буйруса жакшы адам кылып чоңойтсок.. . - деп үйгө кирип отура кетти, - Какен, капа болбочу, мен жөн эле айтып койдум, тракторист кылбайм уулумду.

- Пешенесине буйруганын көрөөр.. . - Карлыгач ушинтип коюп өз ишине киришти.

Алар ушул кезде балдарынын ата-эненин тарбиясына, мээримине зар болуп, бир кезде томсоруп калаарын оюна албады. Тагдыр дегениң тоголонгон таштай бир бурулуп сыртын салып алса оңолушу кыйын экенин экөө тең аңдабады, тек наристесине эне-атанын асыл мүдөөсүн аткарып, бактылуу жигит болуусун тилеп атты...

Денис бир жаштан ашканда Карлыгач дагы кошкат экенин билди. Эчен ирээт алдырып салууга аракет кылган менен апасынын: "өз балаңды өлтүргөнүң ошол, алдырганда баланын убалына каласың" деген сөзүн эстеп ичинен сарсанаа болуп өзүнчө бушайманданып жүрүп убакыттын өткөнү сезилбей, бир күнү ичи "бүлк" эткенде гана билди кечиккенин. Ал аргасыз экинчи баласын төрөмөк болду, ичи туз куйгандай ачышып: "Эми мен эч жакка кеталбайм, баары бүттү, үмүтүм өчтү, эми мен кайдан сүйүүгө кабылмак элем, ким сүйөт мени?", деп ызаланып күйөөсү жумушта жүргөндө уулунун жанында отуруп өзүнчө буулугуп ыйлап алды: "Мен сүйүүгө кабылам, акыры издегенимди табам! Эгер сүйүүмдү тапсам, ак сүйүүгө кабылып өзүм сүйгөн адамга кездешсем сөзсүз кетем, бул жерге бир күн турбайм" деп ойлоп жүргөндө экинчи баласы ичин тепкилей: "мен бармын, сенин эң аялуу перзентиңмин, бүт баарын унут, сүйүүңдү бизге арна, дүйнөдө эң кымбат сүйүү - эне-баланын сүйүүсү, бизди энелик мээримден ажыратпа" дегендей бирде оң, бирде сол бөйрөк тушунан бүлк этип жатты.

Ан сайын жашоодон такыр түңүлгөндөй ажайып табигаттын, жаратылыштын кооздугу, үйбүлөнүн табылгыс бактысын ажырата албаган пендечилик тайкы сезимдерге берилип, Карлыгач жадагалса ушул там-туң басып калган наристесин да көргүсү келбей ыйлап жатты. Же тобокелге салып, чечкиндүүлүк кыла албады, ал баланын келечегин деле ойлогон жок, дал ушул учурда анын көз алдынан табышмактуу адам кетпей: "Баары бир жолугам, мен сүйүүгө кабылам, мен сүйүүмө кездешсем Нуржанат дагы, балдарым дагы тоскоол боло албайт" деген ойдо болуп жүрө берди.

Аттиң, ошол кезде бактынын эң бир ажайып кучагында экенин сезгенде эмне? Куру кыял аны жетелеп алып "аңгектен качсаң дөңгөккө" деп турмуштун ачуу даамы таңдайынан кетпей өмүрүн өкүнүчкө салаарын ал кезде ойломок кайда?

Жалгыз кызы болгондуктан Күмүш менен Кармышак тез-тез кабар алып турат. Кабак-кашын байкап, мурдагыдай күлүп жайнаган мүнөзү калып өтө суз, басмырт болуп баратканына Күмүш таңгалып: "капырай мынчалык неге өзгөрүп кетти? Түшкөн жери жакшы, күйөөсү андан, эчтекеден кем эмес, баласы турат, деги мунун эмне арманы бар? Же сыр чечишип сүйлөшпөйт" деп ойлоп бир келгенде небересин алып отуруп:

- Ээ Какен, кабагыңды ачсаң боло кызым, өзгөрүп кеттиң, келген жериң нары тур эмес, күйөөң жакшы жигит, балаң турат, эмнеге мынча түнөрөсүң? - деди.

- Жөн эле.. . - деп коюп, кызы чыгып кетти.

- Сенде бирдеме бар, энеңмин го, сырыңды жашырбай айт. Балким мен угуп көрсөм болоор.. .

- Өзүңөр билбей калдыңарбы? Тийбейм десем болбой зордоп бербедиңер беле? Мен Нуржанатты жактырбайм, көңүлүм жок, анан кантип күлмөк элем? - Карлыгач тышкы бөлмөдөн чай көтөрүп келатып күңк этип жооп берди, - Кызынын көңүлүнө жакпаса ата-эне бербейт экен, силер тим эле жанымды койбой койдуңар го?

- Ботом, андан бери эки жылдан ашты, уулуңдун тили чыгып басып жүрөт, - деди Күмүш кызынын кыялына нааразы боло, дагы боюнда бар экенин ал биле элек эле.

- Ооба, жүрөгүңдө сүйүү болбосо жаркылдап жашап көр, силерди кыйбай отурам, болбосо баласын таштап туруп кете бермекмин!

- Акырын, Нуржанат угуп калбасын, анча эмне аңкылдайсың? Эне бала үчүн жашайт, мындан ары үйбүлөң үчүн, балаң менен өзүң үчүн да жаркылдап күлүп жаша!

- ?..

- Ушунча дагы көк болосуңбу кызым, ушунча жыл жашап сегиз бала төрөдүм, дегеле сүйүү-мүйүүсү жок эле жашадык эле.. . Ооруп калба, ойдон ооруп калсаң эмне болот?

- Силер илгерки эски кишилерсиңер, азыр сүйүүсүз бир көк мээ эле жашабаса...

Эне бала араздаша бир сөзгө келалбай көпкө отурду. Карлыгачтын сөзүнөн танбасын сезген эне: "Сөз баштабай эле койсом болмок экен, акыры көнүп баратпайбы, курган жаным кайдан да сүйлөп ийдим" деп санааркай үйүнө кетти. Үй турмушу ойдогудай, эшигинин алдына алма, өрүк тигип, тал-теректерди сайып короолоп койгон: "Эненин оюнда аял кишиге мындан артык да бакыт болобу, деги ырысын көтөрө албаган адам бирди көрчү эле, сүйүү эле дейт, сүйүүң менен сүмүрөн калгыр, деле көктүгүнөн жазбаган кыз болду, ушинтип жүрүп азапка кабылбагандай эле" деп келсе үйүнө күйөөсү бар экен.

- Кандай, Какен жакшы эле жүрөбү, неберең чоңоюп калыптырбы? - Кармышак кемпирин көрүп эле сурады.

- Жатышат, - Күмүш чарчагандай отура кетти, келини сыртта жүргөн.

- Эмне болду, ушу турган жерге барганга чарчадыңбы?

- Ооба, деп кыска жооп берип, - Өх, - деп койду.

- Ушу кыз өтө мерез болуп калды, жакын жерден өзү келип кетип турса болот эле го, баласын көтөрүп алып басып келбейби? - Кармышак наалый сүйлөдү, - Жалгыз кыз деп эрке өстүрүп өзүбүз кылдык.

- Ой аның "сүйбөйм Нуржанатты, силерди кыйбай атам, болбосо баласын өзүнө таштап кетет болчумун" дейт.

- Эмне дейт?! - Кармышак жамбаштап жаткан жеринен өйдө боло чоочугандай карады аялын.

- Бекер кылган окшойбуз, кызың күйөө баланы деле абдан кыйнап койду окшойт, бечара билгизбей жүрөт го?

- Куураган кыз, мерездиги ошондон болуп аткан окшойт, билмексен болуп байкап кой, акырындап көнөт да, бир экини төрөп алгандай кийин баш ийип калат, - Кармышак кайра жамбаштай кетти, - Бекболот менен Азимкан аны өз кызындай көрүп көзүн карап отурат. Кокус ажылдаган кайненеге жолукса көрөт элем, күн алыс мурдунун суусун куюлтуп ыйлап келип турмак, деги ырысын көтөрө албай атат да.

- Мен да ошону ойлойм да, кызыңдын ойу жаман, баласын таштап кетем деген эне кантип болсун? - Күмүш наалып отуруп калды.

Кылганы тыкан, үй ичин таза кармап мурдагыдан өзгөрүлүп калганына Азимкан өзүнчө ыраазы. Уул-келининин жашоолору ойдогудай болуп баратканына көңүлү курсант. Карлыгачтын ай күнү жетип калганда Денисти Азимкан алып кетти. Күн алыс келип кабар алып турат. Нуржанат дагы кечкисин эрте келип жанында. Карлыгач дагы уул төрөдү. Нуржанаттын кубанычы койнуна сыйбай үч-төрт күнгө жооп сурап, тамак ашын даярдап алып барат, төрөтканага куда-кудагыйлар тынбай барышып, Карлыгачтын да көңүлү көтөрүлүп ушул кезде дагы Нуржанат эмес эле башка бир жигитти көзүнө элестетип жүрөгү кабынан чыга жаздап лакылдап кетти. Ошол убакта коридордо кетип жатып ак халатчан узун бойлуу жигиттин ары карай кетип жатканын көрүп кимдир бирөө аны жетелегендей артынан жетип барып карыдан тартып калды эле, ал бери карап маңдайында турган келинди көрө:

- Сизге эмне болду? - деп таңгалгандай сурады.

- Кечиресиз.. . - Карлыгач кетенчиктей артына бир эки кадам таштап туруп калды, көзүндө мөлтүлдөгөн тамчы жаш, - Ке.. . кечиресиз.. .

- Эчтеке эмес, бирөөгө окшоштуруп алдыңыз окшойт? - деп жанагы жигит көздөрүн күлмүңдөтө караганда Карлыгачтын жүрөгү ого бетер лакылдап кетти. Аны көргөн жигит ого бетер таңгалганынан ага жакындай, - Сизге эмне болду, жоготконуңуз мага окшош беле? - деп күлө аны карыдан ала акырын сүйөй, - Палатаңызга барыңыз, ооруп турган жоксузбу? - деди эңкейип жүзүнө үңүлө.

- Ооба, жоготконумду таптым, сизге ыракмат, ооруган деле жокмун, - Карлыгач андан алыстай ылдам басып палатасына кирмек болду.

Бул жигит ооруканага жаңы келген Эрнис Турарович деген гинеколог болчу. Бир жаш келин төрөй албай кыйналып жатканда чакырып келишкен эле, операциядан жаңы чыккан.

- Ушундасызбы? - деди палатанын эшигине жеткенде Эрнис, - Атыңыз ким?

- Карлыгач.

- Жакшы атыңыз бар экен, менин атым Эрнис, бул районго жакында эле келдим. Эрнис Турарович десеңиз болот.

- Жакшы экен, мени кечирип коюңуз.

Карлыгач бейтааныш жигиттен көзүн албай туруп сүйлөгөндө ыңгайсыз абалда калган Эрнис Турарович ага күлө карады:

- Эч нерсе эмес, уулбу же кызбы? - сурап койду.

- Уул.

- Биринчисиби?

- Экинчиси.

- Оо, ушул турпатыңыз менен эки баланын энеси экенсиз да! Кокус көчөдөн көрсөм тийишип алмак экемин билбей, - Күлүп койду, - Эмесе эс алыңыз, сиз менен таанышканыма кубанычтамын.

- Рахмат.

- Жакшы туруңуз, - Карлыгачты жылмая карады да басып кетти.

Халатынын этеги делбиреп узун коридордо кетип бараткан жигитти Карлыгач мелтирей карап тура берди: "Эрнис Турарович... Демек мен таптым, мен издеген адам дал ушул, мен эми бактылуу болом, бактылуумун" деп ойлонуп турганда палатанын эшигин ачып бир келин чыга калды, Карлыгач аны бир карап коюп кирип жатып алып ыйлап кирди. Ал ушул кезде өзүн ойлогон менен Эрнистин ким экенин, үйбүлөсү барбы жокпу, өзүн сүйөбү же сүйбөйбү, таназарына албады. Болгону өзү издеген кыялындагы жигит ушул экенин гана туйду. Канткенде аны менен бирге болоорун ойлоп, жандүйнөсү жабыркап жатты: "Эптеп Нуржанат менен урушам да кетип калам, Эрнис менен бирге кетем, мен аны менен бактылуу болом" деп ойлоно берди.

Ошондон баштап ал палатага жаткысы келбей, бели ооруп кыйналганына карабай коридордон Эрнисти көрүп каламбы деп жүрө берчү болду. Жети күн ичинде анын өмүрүндө кандайдыр бир өзгөрүү пайда болуп ого бетер ажарына чыга түштү. Үйүнө келгенден кийин тынчы кетип Эрнисти кантип жолуктураарын билбей, бала көрүп келгендерден бошобой жатты. Кайненеси аны ордунан тургузбай карап:

- Азыркы жаштар өзүңөргө карабайсыңар, жаш төрөгөн аял белин бууп, оозун кымтылап жылуу жатып тыңыбаса оорукчан болуп калат, - деп, келинине ысык шорпо берип эки жагын жылуулап койду.

- Ооба десең, белин таңмак турсун менин келиним төрөөрү менен сырайган шым кийип алат, какшасам да болбойт, - Күмүш кошулуп калды, - Жашыңарда төрөп алсаңар өзүңөр менен тең өсүп калат, балам. Уулуңдун атын атаңарга койдургула, бирин өзүңөр билип койдуңар эле.

- Ооба, Бекболот ошондо аябай таарынбадыбы, шаардагы балдар болсо айтпай-этпей коюп алышат, "кичүү баламдын баласына өзүм ат койом" деп жүргөн да.

Куда-кудагыйлар бир кой союп, коңшу-колоңун чакырып небересинин атын Исламбек деп коюшту. Тамактанып түн бир оокумга чейин отуруп кеч кайтышты. Нуржанат аялына үйрүлүп түшүп жанынан чыкпай баласынын жалаягын өзү жууп, тамак-аш жасап, үй жыйнап убара. Карлыгачтын эси-дарты Эрнисте. Ал чакырганда гана төрөтканага барбаса, көбүнчө кабыл алуу бөлүмүндө. Кээде Карлыгачты ойлонуп, анын капкара көздөрүндөгү толгон кусалыкты, тамчы жашын, капкара коюу каштарын көз алдына келтирип жылмайып алчу болду. Үйлөнүп, бир жылдай жашагандан кийин аялы өзүнө көңүл салбай жүрүп кетип калган. Эки жыл өтсө да үйлөнүүнү ойлой элек. Көңүлүнө жаккан кыз-келин жокпу же үйлөнгүсү келбейби, айтор бойдок.

Арадан он беш күндөй өткөндө Карлыгач ооруп калды. Азимкан аны карап Күмүш да жанында болуп жатты.

- Көрүнбөсөң болбойт, кызым. Төрөгөндөн кийин жакшылап бир текшерилип алганда болот эле, - Күмүш кудагыйын карады, - Мен эртең өзүм алып барып келсем окшойт.

- Ошент, баланы мен карап турам.

- Өзүм эле барайын, силер үйдө эле болгула, - Карлыгач апасын жактыра бербей карады, - Мен жаш бала белем, өзүм көрүнүп келем.

- Мейли, эртең эрте барып көрүн.

- Бар балам, күчөтүп алба, ооруну башталганда алдын албаса болбойт, - дешип эки кемпир эки жагынан чыгып аны докторго көрүнүүгө көндүрүштү.

Дегинкиси, бул Карлыгачтын амалы болчу, "Эрниске жолугуп каламбы?" деген үмүттө атайы "ооруп жатам" деп аларды алдап койгон. Эртеси апасы алып келген импорт көйнөктү, жаңы туфлини кийип, жаңы чыккан жоолукту башына салынып алды да, күзгүгө көрүнүп чыга жөнөдү. Адегенде төрөтканага барып сестрадан Эрнис Тураровичти сурады эле, ал:

- Эрнис Турарович бул жерде болбойт, кабыл алуу бөлүмүнө барсаңыз, бүгүн ошонун кезеги болуш керек, - деди.

- Рахмат, - Карлыгач акырын басып кетти.

Аялдардын кезегине кошулуп туруп калды, үч-төрт келинден кийин кезеги келип ал каалганы ачты да:

- Уруксат бекен? - деди акырын.

- Кириңиз, - Тааныш үндү угаар замат Карлыгач жүрөгү башкача согуп алдастап, кандай кирип барганын сезбей калды. Босогону аттап туруп калганда Эрнис Турарович ордунан тура калып колун жаңсай, - Келиңиз, отуруңуз, - деди.

- Са-с-саламатсызбы?

- Саламатчылык, кулак сизде, - Эрнис Турарович аны карай ойлуу отурду, - Өзүңүз кандай, денсоолугуңуз жакшыбы?

- Жакшы.. .

- Жөн-жай эле келдиңиз беле?

- Бул жерге жөн келе берсе болобу? - Карлыгач жооп ордуна кайра өзүнө суроо берди.

- Эми-и, келсе эмнеге болбосун, боло берет, - Алакан жая күлүп койду.

- Мен.. . мен көрүнсөмбү деп келгем, сиз.. . - Карлыгач андан тартынып көзүнөн көзүн албай такала калды.

- Коркпоңуз, мен көрө берем. Эмне, ооруп жатасызбы?

- Мм, жок...

Карлыгач ордунан туруп кетмек болгондо Эрнис Турарович:

- Сиз абдан сулуу экенсиз, эркек доктурга көрүнсөңүз күйөөңүз кызганып урушабы? - деди сырдуу жылмая.

- Жок-жок, жөн эле.. . - Карлыгач өзүнүн эмне кылып жатканын сезбей, же кете албай туруп калды.

- Отуруңуз, балким чай ичээрбиз? Жумуш деп жүрүп баары унутта кала турган болду, түштөнүүгө убакыт жок, - Эрнис жанындагы тумбочкадан чайнек алып токко чай сайды.

- Адамдар кирип келсечи?

- Кирсе обед деп койом, сиз отура бериңиз.

- Жо-ок, башка күнү, - Карлыгач босогого жетти да: "Эми мага баары бир, Эрнис эмне десе мен да ошомун, баарына кайылмын", деп ойлоп алып, - Мен сакайып калдым, менин оорум жалгыз сиз элеңиз, жакшы калыңыз! - деп жарк эте күлүп чыгып кеткенде:

- Карлыгач! - деген бойдон Эрнис Турарович ордунан обдула туруп калды: "Кызык, күйөөсү бар келин, эки баласы болсо эмнеге минтип жатат? Жаш, сулуу экен" деп ойлуу отуруп калды.

Ошентип Карлыгачтын өзүн бир карап жарк эткен жамалы көз алдынан кетпей, Эрнис Турарович да тушалган аттай бир ордунда катып калды. Ошол күнү Эрнистин жандүйнөсүнө дүрбөлөң түштү: "Мен аны сүйүп калдым, тагдыр мени ага жолуктуруп жаткандыр, Асылды сүйгөмүн, бирок аны унуталбай жүргөнүмдө бул мага капысынан кабылды, буга сөзсүз жолугуп сүйлөшүүм керек" деп ордунан турду. Бирок кантип, кайдан жолугаары ага бүдөмүк, кайда жашаарын да билбейт. Тынч алалбай өз ордуна отуруп, кайра туруп кыйналып жатты. Анан жумуш бүтөөрүндө төрөтканага кирип төрөгөн аялдардын картасын издеп таап, Карлыгачтын картасын тапты да үйүнүн дарегин карап көрүп алды.

Карлыгач үйүнө келгенде андан апасы менен кайненеси жарыша:

- Көрүндүңбү? - деп сурашты.

- Жок, врач жок экен.. .

- Алда-а кокуй ай, мейли эми, эртең деле барып көр.

- Эркек врачка көрүнгөндөн уялып келе бердим, - деди Карлыгач кайра.

- Эмнеге, аны элдин баары мактап жатышпайбы ботом? Уялбай эле кой, тиги Табылдынын кызы төрөй албай, өткөндө ошол операция кылып төрөткөн тура.

- Ооба, мен да уккам, жакшы билет экен деп жатат, - Азимкан менен Күмүш гинекологду сөз кылып жатты.

- Эртең да барып көрөм.

Карлыгач аларга сыр билгизбей ичинен толкунданып алды: "Жок дегенде көрүп турайын, мен аны сүйгөнүмдү сөзсүз айтам" деп жылмайып алды өзүнчө.

Эки кудагый түш оой үйлөрүнө кетишти. Карлыгач баласын эмизип уктатып койду да жанына жатып алды, уктап жатып түш көрдү. Түшүндө ээн талаада жалгыз жүрөт. Бозоргон боз талаа. Эки жагын элеңдей карап кетип жатса алды жагынан Эрнис Турарович көрүнгөндө аны көздөй жүгүрүп жөнөдү эле таманына тикен кирип жан кейиткенине карабай жетип барып кучактап калды, бирок экөөнүн ортосунда бийик өскөн тикен кошо туруп, өбүшмөк болгондо бетине тикендер тоскоолдук кылып жатып ойгонуп кетти. Жүрөгү лакылдап, кара терге түшүп тура калды: "Кудай ай, бул эмнеси, ортобузга куураган тикендин турганы кандай, мен бактылуу боломбу деги?" деп ойлуу отурганда:

- Сага эмне болду Какен, эмне туруп алдың? - деп Нуржанат башын көтөрө аялын өзүнө тартып кучактап жатып алды, - Укта, бала ойгонгуча уктап эс ал, күчүк уктап атат.

- Койо берчи, кысылып кеттим, - Карлыгач күйөөсүнүн кучагынан бошоно четте жаткан уулун карап жатып алды.

- Бала уктап атпайбы, бери карап эле жатсаң.

- Койчу Нуржанат, өзүм ооруп атам, эртең врачка барып көрүнүп келбесем.

- Мейли, ооруп атсаң көрүн, - деп ал да унчукпай калды.

Карлыгач көргөн түшүн ойлоно берип түйшөлө уктабай жата берди. Таң агарганда туруп сыртта ары-бери баса берди. Ойлонуп наристесин карап: "Менин жашоом туңгуюкта калды. Силерди таптым, бирок мен сүйүүдөн жардымын уулум. Канткенде жандүйнөм тынч алат билбейм, же ушинтип жүрөгүм каалаган адам менен бириге албай, бири кем дүйнөнүн азабын, асылын чогуу көрбөй өтүп кетемби, калган өмүрдү жактырбаган адам менен жашап өтөмбү?" деп көзүнө жаш алып телмирип отурганда Нуржанат ордунан туруп чыгып кетти. Ал чыгаары менен Карлыгач көз жашын аарчып алды да, төшөнчүсүн жыйып, үйүн шыпырып, дасторкон жайып чай алып келди. Жуунуп кирип, аарчынып отурган Нуржанат Карлыгачты карап:

- Эмне болуп ооруп атасың? - деди чайын ууртап атып.

- Ичим менен белим ооруп атат.

- Анда көрүнүп кел.

- Ооба, бүгүн барам.

- Болуптур, мен кеттим, дары-дармек жазып берсе алып ичип өзүңдү кара.

Нуржанат ошентти да жумушуна кетти. Карлыгач жуунуп-тазаланып, кийимдерин кийип даяр болуп калганда Азимкан келди, ал келээри менен Карлыгач ооруканага жөнөдү. Тааныш кабинетке келип, аерде отурган аялдар бүт кирип чыкканча отура берди. Бир кезде каалга ачылып Эрнис Турарович чыгып келатып Карлыгачты көрүп аярлай калды:

- Сиз магабы?

- Мм, ооба.. .

- Күтө туруңуз, - Ары жактагы кабинетке кирип кайра чыкты да эл отурган жерде андан башка эч кимдин жогун көрүп, - Азыр менде киши бар, өзүм чакырам, - деди да кирип кетти.

Убакыт түш чен, айылдын бирин-серин боюнда бар аялдары келип көрүнүп, коридор бошоп калган. Бир кезде ичтен:

- Кириңиз! - деген үн чыкканда Карлыгач туруп каалганы ачып кирди:

- Саламатсызбы?

- Саламат, келиңиз чоң кыз, - Эрнис Турарович аны сүйкүмдүү жылмайып тосуп алды, - Акыбал кандай, Карлыгач?

- Жакшы, - Адаттагысындай ал дале андан көзүн албай туруп жооп берди, - Менин сизге келгенимдин себеби...

Колдорун ушалай өзүнүн эмне болуп атканын кезбей сүйлөп келатканда Эрнис Турарович анын сөзүн бөлө:

- Айта бер Карлыгач, ооруп жүрөсүңбү?

- Ооруган деле жокмун, өзүм да билбейм, сизди... - деп ыйлап ийди.

- Кантет, сени эки баланын энеси деп ким айтат, канчадасың?

- Он тогузда, жакында жыйырмага карайм.

- Ой кокуй десе, эмнеге күйөөгө эрте чыгып алгансың? - деп тамашалай күлдү Эрнис Турарович.

- Үйдөгүлөр болбой эле берип койгон.

- Сүйлөштүң беле?

- Жок!

- Айылдын ушунусу жаман, жаштарды өз оюна койбой?.. . - Эрнис ордунан туруп ыйлап жаткан Карлыгачтын маңдайына келип, - Күйөөң кайда иштейт? - деди.

- Тракторист.

- Совхоздун чоң күчтөрүнүн бири тура, сени жакшы көрөбү анан?

- Ал жакшы көрсө да мен жакшы көрбөйм.

- Эмнеге?

- Мен аны көргүм келбейт! - Ушинтип дагы үнсүз көзүнүн жашын агыза колу менен аарчып, - Мен аны сүйбөйм.. . . - деди.

Жыйырма жетиге келип токтолуп калган Эрнис аны чын дилинен жактырып калды: "Жаш экен, тагдырым жазганын көрөөрмүн, эгер менин айтканыма көнсө кайда болсо да алып кетем" деп ойлоду.

- Карлыгач, өзүңдү кармачы, мен сага кандай жардам бере алам? Турмушта мындайлар боло берет, бара-бара күйөөңдү сүйүп кетесиң, али жаш экенсиңер.. .

- Кантип? Эки жылдан бери кыйналып кеттим, мен бирөөнү сүйүп калдым!

- Кимди, айтчы, кимди сүйүп калдың? - Эрнис шаша сурады.

- Сизди сүйөм, сизди!!!

- Акырын! Азыр үйүңө баргын да эртең дем алыш күн, мен сени тээ төш жактагы сарайдан күтөм, дал ушул маалда, эч кимге көрүнбөй бар, - деп, аны карыдан ала өйдө тургузуп босогого алып барып каалганы ачты, - Бул жерден бирөө жарым көрсө сага да, мага да жаман болот.

- Макул, сиз кайда десеңиз барам, өлүмдөн да качпайм.

Карлыгач акырын чыкты да үйүнө жөнөдү. Кубанычы койнуна батпай делөөрүп баратты: "Мен бактылуумун, мен сүйүүмдү таптым, издеген адамымды таптым! Эл эмне десе ошо десин, Эрнис менен кетем" деп үйүнө көңүлү куунак келди. Келин болуп келгенден бери минтип маңдайы жарыла күлүп кабагы ачылганын көрбөгөн Азимкан аны таңгала карап койду.

- Көрүндүңбү?

- Ооба, ооруган жерим деле жок экен, жаңы төрөгөнгө эле дейт.

- Ошондой эле болсун, өзүңөр менен өзүңөр болуп балдарыңарды чоңойткула, айланайын.

- Тез-тез көрүнүп тур деди.

- Ооба, көрүнүп турганың жакшы эмей.

- Апа, силер төрөп жүргөндө эркек гинекологдор бар беле? - Карлыгач кайненесине сырдуу жылмая жооп күттү.

- Кайдан балам, биздин убакта эркек доктур эмес, аял доктур аз болчу. Сен эркек доктурга көрүндүңбү?

- Жо-ок, уялдым кечээ, бүгүн башка экен.

- Ий-и, уялганда эмне, жан кейисе көрүнбөгөнгө болобу? Кокус көрүнө турган болуп калса уялбай эле кой балам, алар окуп келген да. Кой, мен кетейин, атаң күтүп калды.

Азимкан ордунан туруп жөнөдү. Карлыгач кыңылдап ырдап жумушун жасап, баласын эмизип жатып, ушул ирээт баласын жаңы көргөндөй эзиле бооруна кысып:

- Күчүгүм менин, сен мени билесиңби, мен сүйгөнүмдү таптым, кечир мени. Эгер Эрнис мени алып кетем десе, жок дебестен ээрчип кетем. Силерди атаңар чоңойтот, анан мени таап барасыңар, - деп чопулдатып эмчек соруп көзүн жылтыратып бейкапар жаткан уулун эңкейе калып өөп койду.

Кечинде кирип келген Нуржанатты босогого жетип барып кучактап калды.

- Кантет, мен жуунуп алайын, суу барбы? - Нуржанат колдорунун карала-тораласын көрсөтө андан боюн ала кача күлдү, - Эмне болгон сага?

- Мен сүйүп калдым, Нуржанат, мен сүйүүмдү таптым!

- Эмне-е? - делдейе калып кайра аны кубанычтуу карады, - Билгем, мени акыры сүйөөрүңдү билгем! - деп эми май болгон колуна карабай аялын жерден так көтөрүп ала койду, - Алтыным, менин жан биргем!.

Ал өпкүлөп жатканда Карлыгач анын колунан зорго бошонду да:

- Сени эмес, Нуржанат, мен башканы сүйүп калдым, издегениме жолуктум! - дегенде Нуржанаттын кулагы туна өңү кубарып, ачуусу келгендей карап туруп калды.

- Эмне дедиң, кайра айтчы, ким экен ал бактылуу адам? - Өзүн колго ала маңдайына тура калып жүзүнө тигилди.

- Билбейм, өзүм да билбейм, ким экенин, аты-жөнүн деле билбейм.. . - Карлыгач коркуп кетип ары бурулуп кетти, - Нуржанат, мен жинди болуп баратам.. .

- Башты оорутуп сөздү буйтатпай чыныңды айт, ким экен ал? Азыр экөөңдү өлтүрүп туруп бир көргө көмүп койойун! - Нуржанат жини келе аны булка өзүнө каратты, - Бол, айтпайсыңбы?

- Эмнени, кимди айтам, мени эмнеге кыйнап жатасың? Сүйүүнү угуп жүрөм, сүйүп көрө элекмин!

Карлыгач жинди болгон немедей бир чекитти карап сүйлөй берди. Ачуусу келген Нуржанат сыртка чыгып кетип, көптө кирди. Ал арак ичип келди.

- Сен сүйүүдөн жинди болдуңбу, балдарың менен мени өз сүйүүң үчүн курмандыкка чаласыңбы? Ооба, сенден баарын күтсө болот, а мен акмак сени "жаш, мени сүйүп кетет" деп өзүмдү өзүм алдап жүрбөйүмбү? - чыныга толо куюп, туруп аракты жутуп ийди, - Чыныңды айтпасаң мен сени өлтүрөм! Сен жашырдың менден, ким экенин айтып бер мага! - деп бакырып ийди.

Колу тийбеген менен түнү бою эзип чыкты. өзүнүн кандай айтып ийгенин сезбей калган Карлыгач коркконунан "Билбейм" дегенден башка сөз айта албай өкүнүп жатты: "Эмне болуп кеткенин өзүм да сезбей калган экемин, эмнеге айтып ийдим?"

Нуржанат жанына бир бөтөлкө аракты коюп бир колуна бычакты алып алды. Аны көрүп Карлыгач коркконунан сыртка чыгып кетмек болду эле, Нуржанат тура калып алдын тозду.

- Эшикке чыгып келейинчи, - деди Карлыгач ыйламсырай.

- Чыкпайсың, бүгүн мен сенин түбүңө жетем, сен чыныңды айтасың же бирди көрөсүң! - деп Карлыгачты колунан ала, анын жанына отуруп алып бычакты колуна карматты, - Ме, мени өлтүр же чындыкты айт!

- Эмне деп атасың? Бала ыйлап атат, баланы алайынчы, - Карлыгач андан эптеп бошонуп, ыйлап жаткан уулунун жалаягын которуп эмизип отуруп калды.

- Баланы шылтоо кылдың, мейли-и!

Нуржанат эки бөтөлкөнү бошоткондон кийин ордунан туралбай ар кайсыны сүйлөп, бакырып жатып уктап калды.

Эч нерсе ичпей, колу-бетин жуунбай бечара кейпинде жатып калган күйөөсүн Карлыгач жийиркене карады да: "Ырас болду, уктабаса түнү менен өлтүрүп коймок, өлүп кетпейби" деп үстүнө төшөк жаап коюп, өзү баланын жанына жатып уйкуга кирди.

Эртең менен баласы ыйлаганда көзүн ачып караса Нуржанат жок. Карлыгач баласын көтөрүп апасынын үйүнө кетип калды. Эч нерсе деп айтпады, жөн гана:

- Апа, мен азыр келем, баланы карай туруңуз, - деп шашылган бойдон жөнөп кетти.

- Эрте кел, тырмактай неме ыйлап калат, - деп Күмүш артынан кыйкырганын Карлыгач уккан да жок, ал азыр жалаң гана Эрнис жөнүндө ойлонуп, жүрөгү элеп-желеп болуп айылдын четинен өйдөрөөктөгү бузулган эски сарайды көздөй эки жагын карап коюп кетип жатты: "Келип калды бекен, эмне деп айтам, ал дагы мени сүйөт болду бекен?" деген ойлордун кучагында кандай жеткенин да билбей да калды. Ал элеңдей качантан бери ээн турган, ар жери урап бузулган сарайга кирип баратканда арт жагынан:

- Карлыгач, бери бас! - деген үнгө улай бурула берди, - Абдан шашып келдиң го? - Күлмүңдөй карап турган экен.

- Жок-жок, шашкан деле жокмун.. . - деп Карлыгач бүткөн бою калтырай азыр негедир андан тартына баштагыдай көзүнө тике карай албай жер карай жооп берди.

- Балаңды кимге таштадың?

- Апама.. .

- Аа-а, күйөөң жумуштабы?

- Ооба.

- Эмесе Карлыгач, кел экөөбүз жай отуруп жакшылап сүйлөшөлү. Кана, мени адегенде кимге окшоштуруп алдың? - Эрнис Турарович анын ийинине колун койо көзүнө тике карады. Карлыгачтын денеси алгачкы жигит менен жолугушкан эч нерсе көрө элек кыздай диртилдеп турганын сезе: "Жаш эмеспи, бөтөн эркек менен болбогон, күйөөсүнөн башканы көрбөгөн келин да" деп ойлоп, аны акырын цементтин үстүнө отургузду да, жанына өзү отуруп, - Окуп жүргөнүңдө жигитиң бар беле? - деп сурады.

- Жок, сүйлөшкөн эмесмин.

- Анан неге мен караганда ыйлап ийдиң?

- Өзүм да билбейм.. . .

- А мен сени сүйгөн жигитине жетпей калган экен деп ойлогом.

- Андай эмес, эч кимди сүйгөн эмесмин, эмнеге сиздин артыңыздан жетип барганымды билбей калдым. Мен ошол күнү негедир бирөөгө жолукчудай болуп кызыктай абалда жүргөм, анан кимдир бирөө мени сизди көздөй жетелеп баргандай болду.. .

- Кыз-зык, тагдыр деген табышмактуу нерсе экен да.. . - Эрнис Турарович келиндин апаппак ичке, узун салааларын кармалай ойлуу карап туруп калды, - Ошол күнү мен жаман абалда болуп же кайра барууга даабай кыжаалат болуп аттым, эсимден кетпей туруп алдың.

- Мен дагы, бирок билесизби, дайыма кыялымда жүргөн адам болчусуз, мага бурула бергениңизде жүрөгүм кабынан чыгып кете жаздап кубанганымды айтпаңыз.

- Чынбы?

- Ананчы! Кээде күйөөм мага жалдыраганда менин көзүмө ал эмес эле башка адамдын элеси көрүнүп, ошондо гана ага күлүп сүйлөчүмүн. Мектепте секирип шайыр жүргөн эрке кыз элем, күйөөгө тийгени кабагым ачылганы ушул, сизге жолуккандан бери өзүмдү бактылуу сезе баштадым.

Карлыгач дагы анын колуна колун койо баарын айтып берди. Үн катпай экөө тең тиктешип отура беришти көпкө. Анан бир топто барып:

- Карлыгач, эми эмне кылайын дейсиң? Сенин азыр күйөөң менен балаң бар, мен жумуштамын, экөөбүз күндө минтип жолуга албайбыз. Эгер билинип калса мен жумушумдан куулам, сен ата-энеңе жаман көрүнөсүң, - деп Эрнис өзү да эмне кылаарын билбей ага карады.

- Аа-а, сиздин аялыңыз жокпу? - Карлыгач эми гана эсине келгендей аны тынчсыздана карап жооп күттү.

- Жок, мен али бойдокмун.

- Үйлөнө элексизби?

- Үйлөнгөм, аялым кетип калгандан бери эч кимди жактырбай, жумуштан колум бошобой бойдок жүрөм, - Эрнис жылмайып койду.

- Ий-и, - Карлыгач эс ала түштү.

- Кана кандай чечтик?

- Билбейм, мен сизден такыр бөлүнгүм келбей турат. - Карлыгач анын ийнине башын жөлөй көзүнө жаш айлана түштү, - Мен ал үйдө бир мүнөт да тургум келбейт.. .

- Чыдашың керек, али жашсың. Адам баласы баарын көрүүсү абзел. Мен дагы аялым кетип калганда өлүп калам го дегем, бирок өлгөн жокмун. Ошол үчүн чыдамдуулук керек.

- Эмне дейсиз? - Карлыгач ордунан тура калды, - Мен өзүм каалаган адамга жетем деген максатымдан тайышым керекпи? Сиз мени сүйбөсөңүз мейли, мен жүрөгүм сүйгөн адам үчүн баарына кайылмын! - деп үнүнүн барынча кыйкырып, Эрнисти карысынан эки колдоп кармай булкулдатып ыйлап жатты, - Айтыңызчы, мен эмне кылышым керек?!

- Карлыгач, эсиңди жый, кеч болуп калды, балаң ыйлап калгандыр, жүрү басалы, - деп Эрнис аны колтуктап алып жолго түшкөндө Карлыгач солкулдап ыйлап кетип жатты, - Акырын, бирок тез басалы, ыйлаба эми, жолугушуп туралы, макулбу?

Эрнис анын саамай чачынан сылап койуп кетип баратты. Үнсүз гана көз жашынан күчүн чыгарган Карлыгач анын колтугунда турганына аз да болсо өзүн сооротуп: "Баары бир мага сөз айтат, мен өзүмдү сүйдүрөм, сүйөм түбөлүккө" деп баратып айылга жете бергенде экөө акырын бөлүнүп эки жолго түштү. Карлыгач андан бөлүнгүсү келбей башын жерге салып кетип жатып кылчайып бир карап алды да, жүгүрүп жетип Эрнисти артынан кучактап калды:

- Мен эч жакка кетпейм, ушул бойдон көрүшпөй калсак мен өзүмдү өзүм өлтүргөнгө аргасызмын, эмки дем алышта жолугам деп сөз бер?!

- Макул, сөз берем, - деп Эрнис айланасын бир чолуп карап алды да келинди бооруна бекем кысып алып жүзүнөн сүйдү, - Мен дагы сени сүйөм, Карлыгач. Акыл менен иш кылалы, эл билип калбасын, үйгө бар, - деди да аны бошотту, - Жөнө, эгер мени чын сүйсөң үйгө жөнө дагы, балаңды кара!

- Мына, мен кеттим, күтөм сизди!

Карлыгач көз байлана атасынын короосуна жете келди да өзүн баса, бир аз эс алып көз жашын аарчый чачтарын оңдоп жоолугун салынды да кирип келди. Ал келгенде Күмүш баланы уктата албай ыйлаганынан көтөрүп жүргөн.

- Кайда жүрөсүң ыя, балаң бир ай боло электе чөбүңдү сүйрөп кайда барып келдиң? Ыйлап кыйнады, - Күмүш кызына наалый кетти, - Мынча эмнеге кечиктиң, капырай?

- Кечигип калдым, апа.. .

- Эмне жумушуң бар эле ботом? Ушу жүрүшүң шектүү сенин, - Кызын шектене карады.

- Шектүүсү жок эле, - Карлыгач эмне дээрин билбей такала түштү, - Окууда жүргөн бир классташым келиптир, ошону менен сүйлөшүп отуруп калдым.

Сөз тапканына ыраазы боло өзүнчө кудуңдап алды, өз турмушунда эмнелер болуп жатканына кайыл, болгону өз мүдөөсүнө жетип максаты орундалса жаны жай алчудай апасынын жемесине көңүл бурбады. Баласын алып отуруп алып эмизип: "Мен дагы сени сүйөм, акыл менен иш кылалы" деген Эрнистин үнү кулагына кайталанып угула жылмайып алды: "Эми мага баары бир, Эрнис менен болсом болду, баарынан кечем" деген ойдо отурганда Күмүш аны карай:

- Эмизип ал, анан мен сени жеткирип келейин, Нуржанат жумушунан келсе издеп калбасын, - деди.

- Издебейт.

Капарсыз сүйлөгөн кызына Күмүш оңурая карады:

- "Издебейт" дегениң эмнең, ал чарчап талаада иштеп жүрсө, сен биякта эмне кыласың ыя? Азыр өзүм жеткирем, минтип ал жокто келбей жүр, келсең күйөөң менен келгин, - деп ачуулана урушуп кирди, Кармышак үйдө жок эле, - Атаң укса капа болот, экөөбүз жөнөйлү, кызым, - деп, кайра жоошуй калды, - Эр дегенди сыйлаш керек, балдарың бар, экини төрөгөн аял дейт сени.

- Апа, мени кубалабаңызчы, бүгүн биерде эле калайынчы, - Карлыгач апасына жалдырап ийди, - Качантан бери келе элекмин го, келсем эле кубалайсың.

- Эс акылың менен бол, азыр экөөбүз барабыз, анан мен экөөңдү эртеңкиге чакырайын, анан бир-эки күн калсаң кал, - дегенде Карлыгач аргасыз баласын ороп-чулгап алды да, апасын ээрчип жөнөдү.

Ал Нуржанаттын түндөгү кылыгын эстеп алып өзүнөн өзү коркуп кетти, бирок апасына эчтеке деп айтпады. Экөө ээрчише кирип келсе Нуржанат бир бөтөлкөнү коюп алып ичип отуруптур, аларды көрүп унчукпай жер карады. Күмүш эмне кылаарын билбей күйөө баласынын жанына отура калды да, сүйлөмөк болду эле, Нуржанат:

- Эмне дейсиз апа, кандай кылышым керек? Мен Карлыгачтын баардык кылыгына чыдадым, эми чыдай албайм. Кызыңыз мени сүйбөйт, көргүсү да келбейт, эми мага баары бир, жалдырап сүйдүрө албадым! - деп арактан чыныга толо куюп ичти да эптеп жер таяна ордунан туруп темтеңдей эшикке жөнөгөндө Күмүш аны кармай калды:

- Балам, жатып эс алчы, эшик караңгы, кайда бармак элең?

- Мен каалаган жакка кетем, сиз убара болбоңуз апа, Карлыгач кете берсе болот, - Колун шилтей кайненесинин колун бошотуп түртүп койду да, - Мен сүйүүдөн ачкамы-ын, берчи мага, берчи мага тайманбаган чын сүйүү-ү! - деп чыгып кетти.

- Шерменде, сен мунун көңүлүн калтырган экенсиң ээ. Сүйбөй кара жерге кирсеңчи, тур барып алып кир, баланы мен карайм, - Күмүш кызын акырая карап колундагы наристени жулуп алды, - Бол, бир жакка кетип кала электе!

- Кайакка бармак эле, келет да, аракка кеткендир, - Ал кенебей отуруп алганда эне кызын жаакка чаап ийди:

- "Аракка кеткендир" деп, сен мунун жашоосун тозокко айланткансың го?! Азыр алып кел, сени эми өзүм ажыраштырам, бирөөнүн баласын кыйнабай.

- Чынбы, чын эле ажыраштырасызбы? - Карлыгач сүйүнө апасына карап күлүп сураганда анын жини келип кетти:

- Ой күйөөңдү ойлоп койбой кайра эмне сүйүнөсүң ыя, ошончолук эле көргүң келбей калдыбы?

- Көргүм келбейт, кетсе кете берсин, өзү келет, анын артынан мен барбайм! - деп Карлыгач көгөрүп туруп алганда айласы куруган Күмүш баланы жаткыра койду да эшикке чыгып издемек болуп баратканда алдынан Нуржанат чыга калды.

Күмүш жол бошото мындай боло берди, ал отуруп алып:

- Мына мен келдим, мен сүйүүмдү кайтарып алмак болдум эле апа, Карлыгачты аяп канча чыдадым! Ооба, силер эчтеке билбейсиңер! - деп колундагы аракты жерге койду да оозун ачып чыныга куйду, анан көпкө мелтиреп төрдө баласын кучактап тиктеп турган аялын бир карап алды, кайра өзүн делдейе карап үнсүз турган кайненесин карады: - Кечирип коюңуз апа, мен кызыңыз үчүн эч ким эмесмин, ал мени сүйбөйт, балдарды да сүйбөйт. Чыдап келдим ушуга чейин, "Жаш, көнүп кетет" дегем..

- Балам ай, ичпесеңчи, ушу арактан жыргаган эч кимди көргөнүм жок, тынч жашасаңар боло. Мен Карлыгачты тилдеп атам, балдарды аясаңарчы деги. Чырактай кылып эки уулду берди кудай, баланын үнүнө зар болуп жүргөндөр канча, бу силер баланын кадырын билбей атасыңар.

- Баланынбы? - Нуржанат кайненесин жылмая карап койду, - Мен балдарымды жанымдай көрөм апа. Карлыгачты билбейм, ага сүйүү гана керек! - деп аялына карады, - Чыныңды айтчы Карлыгач, тапкан сүйүүңдү айтпай мелтирейсиң да. Ооба, сулуусуң, уулуу жыландай муздаксың, мени да, балдарымды да үшүтүп жибердиң.. . - деп башын чайкап алды да чыныдагы аракты жутуп, оозун басып көпкө отуруп калды.

Күмүш сүйлөгөндөн тартына кызынын жанына барып баланы алды да ага акырая карап:

- Тур, ысык тамак жасап бер! - деди.

- Ал ичпейт, арак ичкенде тамак ичпегенин билем го?

- Эмне, көптөн бери ичип жүрөбү?

- Кээде ичет, ошондо такыр тамак ичпейт.

- Шерменде, баланы кыйнаган турбайсыңбы. Бекболот менен Азимкан укса эмне дейт ыя, бизди уят кылдың го? - деп Нуржанатты караса отурган жеринде жыгылып калыптыр. Баланы жаткыра койду да, - Бас төшөк сала кой, жылуу жаткырып койолу, - деди кызына.

Экөөлөп аны төшөккө жаткырып жылуулап, анан Карлыгач тамак жасаганга киришти, ал өзүнүн карды ачканын сезип тамак ичкиси келип турган, күйөөсүнүн эчтеке билбей жатканын көз кыйыгы менен карап алды да: "Өлүп кетпейби, акыры көнөсүң, мен сага сүйүктүү балдарыңды таштап кетем, бактылуу жашай бересиң" деп ойлоп, колу жумушта болсо да эсинен Эрнис кетпей көз алдына тартыла калды: "Мен дагы сени сүйөм, акыл менен иш кылалы" деп айтканын ойлогондо толкунданып жүрөгү түрсүлдөй төшүн тээп, кубанганынан кыңылдап ырдап көңүлдүү жылмайып алганын байкап турган Күмүш: "Бу шерменденин бир сыры бар. Кой, үйгө алып кетейин, Нуржанат минтип жүрсө бузулуп бүтпөсүн" деп ойлоп койду ичинен. Экөө тамактанып анан төшөктү катар салып жатып калды.

- Карлыгач, - деди эне бир топтон кийин, - Сен бүгүн менин тилдегениме, Нуржанаттын мас болуп айткан кебине капа болуп кабак чытыбай көңүлүң ачык го, сен күйөөгө тийгенден бери мындай болбой калдың эле.. . .

- Апа, эми аны ичет экен деп да өзүмдү кыйнай бермек белем, ичип акыры жадайт, - Карлыгач күңүрт караңгылык болсо да жарк этип күлө апасына бала кезиндегидей эркелей кучактап алып, - Сиздин тилдегениңиз мен үчүн май да? - деди ого бетер каткырып күлө.

- Акырын эми, ойготосуң күйөөңдү.

- Ойгонсо ойгоно берсин, өлүп кетпейби! Мага десе бөтөлкөнүн ичине түшүп чөгүп кетсе башым оорубайт!

- Эмне деп атасың? Сен акылыңдан айныптырсың кызым. Акылыңа кел, бул да бирөөнүн баласы, эки балаңды ойлонсоң боло?

- Аларды эмнеге ойлоном? Чоң ата, чоң энеси бар, атасы өзү иштеп багат. Силер мени эмнеге ойлобойсуңар? Мен эми жыйырмага карадым го, апа!

Карлыгач апасын кучактап бир сөз айтмак болгондо, Күмүш анын колун силкип салды:

- Мен агаларыңдын үчөөсүн төрөгөндө он алтыдан он жетиге караган кезим болчу, сүйүүсү жок эле балдарымдын бактысы үчүн жашап ушу кезге чейин жүрөм өлбөй этпей эле. Мени, атаңды ойлосоң сен дагы Нуржанат менен түбөлүк жашайсың! - деп ары бурулуп жатып алды.

- Силер мени ушул убакка чейин кармагансыңар, эми эч качан токтото албайсыңар, мен бул үйдөн кетем!

- Бас жаагыңды, укта!

Күмүш ушинткенде Карлыгач унчукпай калды, ойлонуп жатып: "Төрөбөй эле койсом болмок, андан көрө кудайым сурагандарга бербейт беле, балага зар болгондор көп деди го апам, мен сураган эмесмин да, эмнеге бала бердиң?" деп жатып алып ыйлап жатты, анын ыйлап жатканын туюп турса дагы эне унчукпады: "Кечип кетмек беле, "тай туйлап такка конбойт" деген сөз бар, акыры көнөт" деп ойлонуп жатып уктап кетти.

Калдыр-кулдур деген үндөн чоочуп ойгонсо Нуржанат туруп суу ичип жатыптыр, уктап жаткандай калыбында байкап жата берди. Карлыгач эч нерсе билбей уктап жаткан. Суу ичип алып Нуржанат кайра ордуна жата кетти. Ал жаткандан кийин Күмүш кызын түрттү:

- Тур Карлыгач, туруп чай-пайыңды кой.

- Азырчы, уктап алайынчы.. . - Карлыгач уйкудан көзүн ачкысы келбей ары оодарыла жатып алды.

- Тур дейм ой, Нуржанат жумушка бирдеме ичип кетсин. Бол, туруп чай кой!

- Уктата койбойсуз да.. .

Карлыгач керилип-чоюлуп алып жоолугун оңдоп салынды да ыңгырана туруп сыртка чыкты. Кайра келип чай коюп жатканда Нуржанат унчукпай жата берди, кайненесинен уялды, башынын ооруганынан жүз грамм болсо да ичкиси келди, бирок чыдап жатты. Карлыгач үйдү жыйнап, шыпырып, дасторкон жайып чай алып келди да:

- Нуржанат, туруп тамак ич, - деди аны жактырбаса да сүйлөгүсү келбей турганын билгизбей.

- Азыр, - ал ордунан туруп сыртка чыгып жуунуп келип дасторконго отурду, - Кечириңиз апа, ичип койуптурмун.. .

- Боло берет балам, ичсең да орду менен ич, балдардын келечегин ойлонгула.

- Экинчи ичпейм, - Нуржанат жүрөгүнө эч нерсе барбай тургандыктан өзүн зордоп шам-шум этип алып жумушуна жөнөдү.

Эчтеке деп айтпады, эркектин көтөрүмдүүсүн, чыдамдуусун ушундан билсе болоор, бир аз ачууланып алган менен абдан токтоолук кыла дагы чымырканып көрүүнү чечти. Үндөбөй жумушуна барып тракторун айдап чыкканда аны механик чакырып жатканын айтышты эле ал барып жолугуп келди да кете берди.

Карлыгач апасынын какшап отуруп айткан сөзүн кулагынын сыртынан кетирип, эси-дарты Эрнис Тураровичте болуп кыялданып атты: "Ал мени ойлонуп жатты бекен, "мен дагы сени сүйөм" дебедиби! Кудай ай, тез эле ушундан кутулсам экен" деген ойдо эмчек эмип эки жакты караганга жарап калган бир айга толо элек наристени карап телмирип калды: "Аман болсоңор мени түшүнөсүңөр, эселек, эси жок энеңердин күнөөсүн кечирээрсиңер, менин эңсөөм, жүрөктөгү арманым, өмүрүмдөгү өкүнүчүм басылмайын силерге энелик мээрим төгө албайм, тагдырым ушул болсо аргам жок" деп ойлуу чоп эттире өөп алды.

- Мен бактылуумун уулум, сүйүүмдү тапканыма! Издеген адамыма жолукканыма төбөм көккө жетип, чексиз ааламда жалгыз өзүм бардай, алдымдан өрт каптап келатса да, жер жүзүн каптаган сел болсо да кечип өтүүгө даяр болуп турган кезим.. . - Анан кыңылдай ырдап алды:

- Жүрөгүм алоолонуп өрттөй жанат,

жалгыз сенин махабатың мага кубат,

өмүрүм өткүчө бирге болсом,

менде арман болбос эле, атаганат!

Ошол убакта бир жумадан бери кабар албаганга май, сүзмө, эт кылып көтөрүнүп алып Азимкан кирип келаткан:

- Өзүң элесиңби? - Кирип келип үйдүн ичин айлана карап анан, - Өх, - деп алды, - Чарчадым айланайын, уулуң ыйлабай эле чоңоюп жатабы?

- Ыйлаган деле жок, - капысынан кирип келген кайненесин көрүп Карлыгач ордунан тура калды, - Келиңиз.

Алдына төшөк салып шашып калды.

- Кобураган үн чыккандай болгонунан үйдө бирөө бар го деп ойлогом. Нуржан иштеп жатабы?

- Ооба, - Дасторкон жайган Карлыгач кайненесинен уялгандай сырткы бөлмөдөн идиш-аягын алып келип чай куюп сунду, - Чай ичиңиз.

- Ичтим балам, өзүң ич, - Азимкан небересин мурдунан чымчып, өзүнүн бармак учун өөп койду, - Арам десе, ыйлаак эмес, ээ?

- Жок, көп деле ыйлабайт го?

- Денис болсо силерди деле билбейт, чоң атасы менен ээрчип өзү менен өзү.

- Ий-и, - деп койду Карлыгач.

"Капырай, дегеле мерез жан болду, баласын ойлоп да койбойт", - деп ойлоп алды Азимкан.

Ал үйдө отурганда Карлыгач кир жууп эшикте кайсактап жүрө берди.

- Мен кетейин, атаң балдарга жеткирип келе кал дегенинен келе калдым, - Азимкан үйдөн чыгып келининин жанына келди, - Бала уктап атканда ишиңди жасап ал, мен үйгө барайын.

- Мейли, жакшы барыңыз, - Карлыгач туруп короонун оозуна чейин узатып кала берди.

Кир-мирин жууп жайгандан кийин жатып уктады, анан кайненеси алып келген баштыкты ачып семиз эттерди көрүп плитага тамак асты. Өзүнө ченеп кууруп жеп, чай ичип кайра жатып алды. Анын көптөн бери тынч албаган жандүйнөсү эс ала түшкөндөй, ажайып кооз дүйнөнүн кызыгын эми гана сезгендей, өмүр деген бир-бирине чиркештирилген вагон сымал өтүп жаткан сырдуу күндөрүн эми баамдагандай, жаратылыштын кооздугуна суктанып, жашоого тойбой баратты. Эрниске жолуккандан бери кыялдары менен дүйнөнү кезип, жомоктогудай өмүр сүрүп Эрнис менен жетелешип анын келишимдүү бой келбетин суктана көз алдына келтирип, жаткан жеринде ары-бери оодарыла бирде ал өзүн өөп, бирде өзү аны кучактап алып тоо башында керимсел желге саамай чачын желбирете ынагынын төшүнө башын жөлөп алып каалгып учуп жүргөндөй эргип: "Эрнис, мен сени кандай сүйөөрүмдү билсең кана?! Сенин жаныңда гана болгонум ырахат, түбөлүк бактым сенсиң" деп жылмайып алды. Күндүн кандай өткөнүн сезбей калды. Туруп тамагын караса чий көбүгү жайылып боркулдап кайнап жатыптыр, оокаттын үстүнөн чий көбүктү алып бир аз сапырды да камыр жууруй баштады. Ошол убакта анын башына бир ой келди, ал Нуржанатты алдамак болду. Кесме жайып бүтүп, тамак бышып калган кезде камыр салып коюп эми отура калайын дегенде Нуржанат кирди.

- Келдиңби?

- Ооба, апам кеттиби?

- Кеткен, жуунасыңбы?

- Ооба, жуунуп алайынчы, аябай чарчадым.

Ал эчтеке болбогондой аялына көйнөгүн чечип берип самынды алды да эшикке чыкты, Карлыгач суу алып чыгып куюп берди. Ортодо эчтеке болуп өтпөгөн сымал экөө тең үндөбөй тамак ичип отурушту.

- Апам алып келип берип кетти.

- Кой союшуптурбу?

- Ошондой го.. Шорпо ичесиңби, же чай куяйынбы?

- Шорпо ичем, кечке башым ооруп зорго иштедим.

- ?

- Бала кандай, ыйлаган жокпу?

- Жок.

- Денисти алып келиш керек эле.. .

- Ал жүрө берсин, мен экөө менен кыйналам да, ал али кичинекей, экөөнү караганда жетише албайм.

- Мейли анда, Ислам чоңойгондо алабыз.

- Ал аякка көнүп калды, жүрө берсин, алып келгенде ал да ыйлайт, аябай чыр болуп алды дейт апам.

- Чын эле, өтө чыр экен, бизге көнбөй да калат. Мейли, акыры биздин балабыз да.

Тамактанганча бир топ сөздү сүйлөшүп болуп Нуржанат телевизор коюп төргө жата кетти, чарчаганга ошол бойдон уктап да калды: "Байкуш ай, кокус мен кетип калсам эмне болоор экенсиң? Ичип көчөдө калбасаң болду. Ага да көнөсүң, балдарыңды багып чоңойтоорсуң, мени жек көрүп өмүр бою жектээрсиң. Айла канча, мен жүрөгүмдүн эңсегенин аткарбасам болбойт, сүйүүсүз өмүр кунарсыз, тузу жок аштай даамсыз экенин сезээрсиң. Ушунча түйшүккө салганым үчүн мени кечир" деп телмире карап турганда уулу чукуранып калды, аны кургактап, эмизип кыңкайып жатып өзү да уктап кетти.

- Карлыгач, төшөк салчы, - деп Нуржанаттын үнү чыкканда селт эте ойгонуп өйдө болду.

Төшөгүн салып берип, жатып калышты. Өзүн кучактап, сыйпалап келаткан күйөөсүнөн денеси үркүп турса да көзүн жумуп араң чыдап:

- Эс ал, эртең кайра эле жумуш.. . - дегенде ал болбой эле асылып өз максатына жетип, шалдая жатып калды.

"Чочко, жаныңда өзүңдү сүйбөгөн адам жатканы менен ишиң жок, балким ушинтип жеңем деп жаткандырсың. Жаңыласың, кымбаттуум, мен эч качан сени бакытка бөлөй албайм", деп Карлыгач ары бурулуп уулун карап кетти. Ал дал ушул учурда Нуржанаттын томсоруп калганын элестетип алды, бирок ал томсоруп калмак турсун, өзүнүн азабынан бул жарыкчылык менен кош айтышып, жаштайында армандуу өлүмгө туш болоорун сезбеди, тек өзүн сүйөм деп жан алгычтай асылган өмүр шеригин, балдарынын атасын жек көрүп, андан тез эле кутулгусу келип турганын гана билет. Асмандан таш жааса да, деңиз чайпалып күчтүү толкун өзүнө сиңирип баратса да Карлыгач көздөгөн максатынан кайтпасы чындык эле. Жаштык-мастык кылып өз бактысын өзү тепсеп алганын бир кезде билип, арман толгон көз жашы эки бетин жууп, жүрөгүн сыздаткан айыккыс ооруга кабылаарын түк оюна алгысы келбей, делөөрүткөн бир ыйык сезим аны үмүттөнтүп, чытырман тикенектүү бадалды аралап өтүп болсо да ушул көңүлсүз жашоосунан безип кеткенге даяр турду.

***

Күндүн ысыгынан тердеп кеткен Болдукан үйүнө келип эле сөрүсүнө отура калды. Ал күндө ушул иштеген иши жок же маанилүү бүтүрө турган жумушу деле жок, эриккенинен көчө кыдырып курбуларына жолугуп эл ичиндеги ушак сөздөрдү биринен бирине жеткирген адаты. Бүгүн да Сейилканга жолугуп көпкө отуруп анан келди. Отуз бешке чыгып болуп-толуп турган, өңү-түсү келишкен келин. Күйөөсү райондун атка минер адамдарынын бири. Өтө жоош, өз ишине так, калп сүйлөп бирөөнүн көңүлүн оорутпаган жан. Болдукан кийем дегенин кийип, ичем дегенин ичип, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген аял. Үч эркек, эки кызы бар, алар биринин артынан бири чоңоюп келатат. Сөрүгө отуруп желпингич алды да желпине үйдү карай үн салды:

- Оо-ой Индира, суу берчи мага, муздаткычтагы ак суудан алып кел!

- Азыр, - деген үн чыгып, бир аздан кийин Индира бир ак суу менен стакан көтөрүп келди, - Мынакей.

- Күндүн ысыгы өрттөп жиберет го деги, күйүп кеттим тим эле.

- Качан келдиңиз? Атам үйгө киши келет деп телефон чалды.

- Эмне дейт?

- Ошо, даярдансын деди го? - Индира ушинтип коюп кирип кеткени калганда:

- Индира, тиги Сакиш менен Бүбүштү чакырчы, чакырып жатат де, эртерээк келсин, - деди.

- Макул, - Индира кирип кетти.

- Ий-ии, баягы чоңу келет окшойт, козуну алдырсамбы же өзү союш жиберээр бекен? - деп Болдукан өзүнчө сүйлөп ойлонуп калганда дарбазанын түбүнө машина келип токтоп, кой жетелеген айдоочу кирди:

- Артык Салиевич берип ийди, кайда байлайын?

- Бастырмага байлап койо бер, майда-баратты алып келгенге колуң бошпу?

- Атайын жиберди, бүгүн сиз менен болом. Тезирээк даярдасын деди го?

- Азыр, келиндер келсе үйдөгү ишти дайындап койойун, анан чыгабыз. Бирдеке ичип аласыңбы? - деп шоопурду карады эле, ал:

- Эгер уруксат болсо.. . - деп бери басты.

- Индира, чыкчы бери!

- Эмне болду, апа?

- Дасторконду алып чык.

- Макул.

Индира кирип дасторкон алып чыгып, бат эле үстүн толтуруп тамагын да алып келе калды. Ошол убакта Сакиш менен Бүбүш келип калды, алар ар дайым бул үйдө кызмат кылып акысын алып, Болдукандын көңүлүн алып жүргөн келиндер эле. Мактап койсо ал колунда барын аябаган аял, анын сырын билген Сакиш менен Бүбүш аны чаң жолотпой мактап жардам берип, оокат-ашын кенен таап жечү. Ошол убакта совхоздун директору үч жүз элүү, төрт жүз сом айлык алчу, кароолчу болуп иштеген аялдар алтымыш, жетимиш сом менен үйбүлөсүн багып жүргөн убак.

- Келгиле алтындарым, акеңер конок чакырат экен, өзүңөр жардам бербесеңер болбойт, - Болдукан аларды жаркылдай тозуп алды.

- Сизден аяган арам күчтү итке жем кылып ыргытып жиберээрбиз, сиздин көңүлүңүздөн айлансын.

- Ооба десең, сиздин бир ооз сөзүңүздү жерге таштабай калалы.

- Ыраазымын, отуруп тамагыңарды ичип-жеп алып, ишти баштагыла.

Болдукан экөөнө жумуштарын дайындап коюп, өзү Мыктыбек менен дүкөнгө жөнөдү. Кыдырып керектүүлөрүн алып келген соң өзү башында туруп баарын жасатып жатты. Кечке маал үч машина келип алардын дарбазасынын алдына токтоду. Бирин ичке киргизип коюп, Артык Салиевич конокторду залга алып өттү. Артык Салиевич ушул жолу райондук кызматтан областтык кызматка которулмак. Жогортон дайындаган адамы райондук төрагага телефон чалып:

- Артык Салиевичке өзүң көз салып, барган адамдарга жакшы мүнөздөмө берип кой, ал өсө турган жигит, - дегенде Осмонбек Бекишович:

- Жакшы болот, ансыз да биздеги кадрлардын эң көрүнүктүүсү азырынча ошол, болгон жардамымды аябайм, - деген.

Ошентип Артык Салиевич жогор жактан келгендер менен бирге төраганы конокко чакырып сыйлаганы жаткан эле. Конокторду казы, карта, чучук баштап койдун башын тартып сыйлап жөнөтүштү. Сакиш менен Бүбүш мындайда үйлөрүнө кетпей түнү бою ошол жерде өз иштерин аягына чыгарып жууп тазалап, баарын жай жайына коюп, анан шорпо-шилеңин өзүнчө, эттерин, калган-каткан кешиктерди өзүнчө бууп-түйүп бөлө тартып, анан Болдукандын ыраазылыгын алып колдоруна анча-мынча тыйын алып анан кетээринде анын куюп берген коньягынан ичип үйлөрүнө жөнөмөк болгондо:

- Кыздар, үйүңөргө барып балдарыңарга берип анан кайра келгиле, бүгүн менин курбуларым келмек, жакшылап бир отуралы, - деди Болдукан.

- Келбегендечи, сиздей алтын аялдын кызматын кылгандан кемип калбайбыз, - Сакиш шакылдай кетти.

- "Хан казанын көп кармайм, кана колум көөсү", деген экен илгери бир аял, анын сыңарындай "какайганга какайам төбөм көккө жеткенче, ийилгенге ийилем башым жерге тийгенче" деп, сиздин казан биздики да? - Бүбүш аны коштоп койду.

- Ыраазымын силерге, баргыла эми, балдарга берип келе койгула.

Болдукан аларды жылмая узатып калды. Эси-дартынын баары эле ойноп күлүп көңүл ачуу менен алтын жасалгалары, баалуу белек, тартуу алганды жакшы көргөн Болдукан ушул азыр дагы күйөөсүнүн облуска кызматка тураарын билгенден кийин курбуларынан өзү каалагандай тартуу алгысы келип, үйгө кирди да телефондун кулагын бурады:

- Ало, ало сенсиңби, Сейилкан?

- Ооба, сен Болдукансыңбы?

- Ооба. Ай Сейилкан, менин сага айта турган бир жакшы жаңылыгым бар, үйгө келип кет, бир жакшы отуруп чайлашалы.

- Маакул, курбум, жаңылыгыңды айтып койчу азыр эле, жеткенче чыдай албайм го? - Сейилкан каткырып калды арытан.

- Артыкты облуска кызматка которуп жатышат, ушул айда бул жерден кетебиз го?

- Ай-ии ай, кеткени калдыңарбы?

- Азыр эмес, адегенде өзү кетет, андан кийин биз.. .

- Аа-а, болсун курбум, зоболоңор бийиктей берсин, барып калам.

- Тез кел, - Болдукан трубканы койду да кайра терип кирди, - Ало, Гүкүшсүңбү?

- Ооба, бул ким?

- Эмне, тааныбай калдыңбы?

- Аа-а, Болдукан, кандайсың, тынччылыкпы деги? Кечээ эле жолуктук эле, сагынышып калгандайбыз го, ыя? - Гүкүш күлүп калды.

- Келип кет, айта турган жаңылыгым бар. Артык облуска кызматка көтөрүлүп жатат, буйруса жакшы көңүл ачалы.

- Ма-акул, сөзсүз барам, - трубканы койгондон кийин дагы үчөө-төртөөнө чалды да отуруп калды.

Салаалары толо алтын, кулагындагы көздүү сөйкөсү менен чынжырчасынын көздөрү окшош, тиштери асты-үстү менен алтын, кийгени импорт кийимдер, жеринен кооздукту жактырган Болдукан күйөөсүнө абдан ыраазы. Кайда барса сый көрүп кызматта жүргөн күйөөсүнүн эмне иш кылып жүргөнүнө кызыкчу эмес, анын жоош момундугу аны такыр шектентчү эмес. Артык Салиевич өзү өтө жоош болгон менен кыз-келинге калганда сараңдыгы жок эле, ошол убакта анын жаш сүйгөнү бар болчу. Болдукан аны менен иши да жок, өзүн сыйлап, не десе даярдап берип, балдарын кемитпей багып жаткан эрин өтө кадырлачу.

Түш оой курбулары келип, залда жалаң өзүнө окшош дүнүйөнүн кулу болгон аялдар менен шарактап отурушту.

- Болдукан, деги сенин бактың тоодой экен ай, карачы Артык эми облуска көтөрүлсө, андан борборго.. . Менин эрим болсо мени кызганып жүрүп кызматынан жогоруламак тургай ордунда калган окуучудай бир эле жерде канча жылдан бери сасып отурат, - Сейилкан нааразы боло курбусунун бактысына суктана сүйлөдү.

- Ошону айтсаң, эмнеси болсо да ыргыткан ташы өйдөлөгөн Артыктын ырысы ушул Болдуканда да. "Айал жакшы эр жакшы" дегендей, курбумдун эмгеги, - Гүкүш аны көкөлөтө мактаганда оозундагы тиштери жарк-журк эте күлүп калды.

- Мейли курбум, зоболосу көтөрүлүп кадыры арта берсин Артыктын, эмнеси болсо да экөөңөрдүн бактыңар чоң экен, ылайым ушундан айрыбасын, - Шайым колундагы хрустал рюмкадан винону кылк эте жутуп көзүн сүзүп койду.

- Ыраазымын силерге досторум, силер болбосоңор мен бекерчиликтен зеригип кетчүдөймүн. "Жүз сомуң болгуча жүз досуң болсун" деген сөздүн чындыгы бар, - Болдукан конокторуна жылмая карап сүзүлүп койду.

- Деги өзүң кудай бере турган кенен аялсың да, сенден башка аял болсо күндөп-түндөп күйөөсүнүн кайда жүргөнүн текшерип, изилдей берсе аның жогоруламак турсун өз ордун таппай калмак.

- Ырас эле, Болдукандын жакшылыгы да, - дешип анын жакшы жактарын көтөрө чалып мактап отурушуп кызыл винодон шарактап ичип, андан кийин төртөө карта ойноп, кечке маал алар үйлөрүнө кеткенден кийин Болдукан шашып-бушуп курбулары көтөрүп келген белектерин ачып көрүп жатты.

Алар ага баалуу белек алып келишкен, аларды көрүп ичинен ыраазы болуп алды: "Ушундай болмок, мен дагы аларга куру кол барбайм. Эгер жупуну келишсе өздөрү эмне болоорун билишет, облуска баргандан кийин бир коңгуроо менен эрлерин кызматтан шыпыртып койорумду бөркүндөй сезишти" деп өзүнө ыраазы болуп жылмайып алды.

Сыртка чыкса Сакиш менен Бүбүш казан-аяк жууп, калган коньяк менен винону бөлө тартып ичип алышып иштерин улантып жаткан экен.

- Ой секеттерим десе, кечээтен бери чарчадыңар, силерге бир өзүнчө дасторкон салайын, - Болдукан бир аз кызуу эле, экөөнө болбой жатып кайра бир коньяк бузуп берди, - Өзүңөр эле даярдагыла, муздаткычтагы эттен алып куурдак жасагыла.

- Тим эле койсоңузчу, кешиктерден эле тоюп алдык.

- Убара болбоңуз, биз ичип-жеп эле жатпайбызбы, сиздин жакшылыгыңызды кантип унуталы, - экөө эки жактан ага каршы болсо да Болдукан болбой тамак жасатып, аларды сыйлады.

- Бул менин силерге канчадан берки кызматыңар үчүн көрсөткөн сыйым. Артык облуска кетип жатат, эми биз дагы кетебиз, ошон үчүн эжеңердин сыйын көргүлө, айтып жүргөнүңөргө жакшы.

- Оо-ой кетип каласыздарбы, жаман болгон тура, биз сизди эстебей анан.. . - Сакиш кабагын чытый чындап ичи ачышып сүйлөгөндө, Бүбүш:

- Сакиш, сен кызыксың го, мейли кызматтан өйдөлөгөнүнө биз кубанабыз, куттуктайбыз, - Сакишти нукуй күлүп Болдуканга кошоматтана калды, - Ушунча коңшу болуп жүрдүк эже, кетээриңизде бизге бир унутулгус эстелик калтырып кетиңиз, "ичсе тамак, түшсө кабык" дегендей, тамак эмеле ороого түшөт, - деди жойпулана.

- Аны өзүм да ойлогом кыздар, силерге мына бул колумдагы шакектеримден бирден белекке берем! - Болдукан дароо экөөнө сөөмөйүндөгү эки шакекти чыгарып берди да, - Мендей март эжеңерди эстей жүргүлө! - деди.

Алар кубана шакекти өмүр бою кара жумуш жасап туурулган колдоруна сала ыраазылык билдирип жатышты.

- Ыраазымын эже, барган жерде мындан бетер дөөлөтүңөр ашып ташып, бу дүнүйөдө кемибей бактылуу чоң ата, чоң эне болуп жүрө бергиле, - деп Сакиш аны өпкөндө Бүбүш:

- Толуп-ташып, ылайым ойлогон ой максатыңар эки эсеге аткарылсын, ыраазымын сизге! - деп ал берки бетин өптү.

- Эчтеке эмес кыздар, силер дагы балдарыңар жакшы адам болуп чыгып тилегиңерге жеткиле, - Болдукан аларга тамак-ашты мол кылып өз колу менен салып берип жөнөттү.

Анан ал үйүнө кирип креслого отуруп алып жаңы келген шакектерин тагынып улам колун карап ойлуу. Балдарынын улуусу мектепти бүтүп окууда, кичүүсү эки кыз колунда, эки уулу айылда кайната кайненесинде болчу. Индира сегизде.

Ошол күнү Артык Салиевич үйүнө келбеди. Ал азыр өзү сүйгөн жаш кыз менен бир үйдө чардап отурган:

- Анан, мен облуска кетип жатам, сен эми мени унутуп, башканы таап аласың го, ээ? - деди кучактап отуруп.

- Сиз мени таштабайм дегенсиз, демек мени жакшы көргөнүңүз жалган тура, - Анан эркелей таарынган болуп сүйлөдү, - Мен эмес, сиз мени унутасыз го?

- Жок алтыным, а дегенде өзүм бир жумадай иш ордум менен таанышып алгандан кийин келем, сен макул болсоң биринчи сени үй алып берип көчүрүп кетем, - Артык Анаркүлдү кучактап аймалай жатып калды, - Сен менин сүйүктүү көрөр көзүм болосуң.

- Менин макул болбоско аргам жок, анткени менин боюмда бар!

- Эмне дейсиң? - Артык чоочуй сурады.

- Коркуп кеттиңиз го, эркектер ушундайсыңар да, - Анаркүл аны аста түртө жазылып кеткен узун чачын оңдой өйдө болду.

- Жок-жок, Анаш, эгер андай болсо баланы сөзсүз өзүмө каттатам, - Артык аны тургуза койбой кайра кучактап өөп, - Нааразы эмессиңби мага, жаным? Буйруса сага бүт дүйнөнү көрсөтпөсөм да алым жеткен шаарларды кыдыртып келем.

- Ыраазымын сизге, жаман күйөөдөн чөбүрөтүп көп төрөгүчө жакшыдан бир туяк алып калсам болду, эгер сиз кабыл албасаңыз да төрөмөкмүн, - Анаркүл эркелей кыт-кыт күлүп койду, - Аялыңыз турса кантип балага атыңызды бере аласыз, анын үстүнө кадырыңыз түшүп сөз тийбес бекен? - Сынай карап калды.

- Жарыя кылбай туруп күбөлүк алып койобуз да, - Артык кебелбей жооп берди.

- Жашыруунбу?

- Эмнеге, өз атымды бергеним жашыруундукпу?

- Деги да.. .

- Көп ойлоно бербе, андан көрө аман-эсен көз жарып алсаң сүйүнчүсү чоң болот, - Бетин жаба төгүлгөн кара чачын жазып, билегине орой саамайын сылап жүзүн ачып өөп алды, - Шириним менин, эгер чындап төрөп берсең Болдуканга түшүндүрөм, экөөңдү тааныштырып койом, ал абдан ак көңүл аял, мени түшүнөт.

- Мени басмырлап, өмүр бою кектеп туруп алсачы?

- Ал андай аял эмес, экөөбүздүн ортобузда сүйүү жок, жөн гана эрди-катындай жашайбыз, балдарыбыз бар, ага намыян толо акча, алтын менен күмүштөн белек тартуулап койсо болду, - Артык күлүп койду, - Мен андай аялды көрбөдүм, ушунчалык кең аял.

- Аял болгон соң, күйөөсүн кызганбай кантип койсун? - Анаркүл Артыкты карап көздөрүн сүзө сынай, - А сиз өзүңүз аялыңызды кызганасызбы? - деди.

- Мен өмүрүмдө аял кызганып көргөн эмесмин.

- Сүйлөшүп үйлөндүңүз беле?

- Мен сүйбөптүрмүн, ата-энеме жагып калган экен. Мен анда үйлөнүп ажырашкам, ал дагы күйөөдөн чыккан кези, көрүп эле макул болуп койгом. Жаман эмес, беш баланы төрөп берди, бири-бирибизге сый мамиледебиз.

- Жакшы экен.

Анаркүл унчукпай калды. Артык ошол күнү жолугушуп жүрчү үйүнө бир кой сойдуруп, керектүүлөрүн бүт алып келген, шыпылдаган толугунан келген Керемет деген аял ал күнү аларга жан-алы калбай сый көрсөтүп, алдыларына түрлөп тамак алып келип, кымбат баалуу ичимдиктерди алдына коюп, түнү бою экөө бактылуу мүнөттөрдү өткөрүп жатышты. Анаркүл арык, узун бойлуу, чачы соорусунан ашкан кара көз, кара каш сулуу келин. Күйөөдөн чыгып секретарь болуп иштеп жүрүп Артык менен таанышкандан кийин иштебей үйүндө. Артык ага баарын даярдап берип турат.

Бу адам баласы сүйүүнү ар башкача түшүнөт. Бири эт-бетинен кетип, өмүрү өткөнчө бир адамдын элеси менен жашап, арман кылса, бири жетпей калганда гана сүйүү таза бойдон калат деген ойдо, дагы бири, үйбүлөң менен ынтымактуу жашап, уул-кыз тарбиялап, небере көрүп тынч жашасаң ошол сүйүү дешет, бирок чыныгы сүйүүнү чечмелеген эч ким боло элек, сүйүү жөнүндө түгөнбөгөн жомоктор жазылып, кылымдан кылымга унутулбаган дастан айтылып, роман жарык көрүп келген. Андай уламыштар түрдүү пенделер жашаган кызыгы көп табышмактуу, сырдуу жашоодо айтыла бермекчи.

Артык үзүлүп түшүп "сүйдүм" деп өпкө жүрөгүн чаппады, кээде адам бир түр тамакты ичкенден тажагандай, бир кийимди кийгенден кызыгы тарагандай өзгөчө мүнөттөрдү, жаңы жашоону каалагандай эс алуу үчүн суу жээгине кооз дача сымал мунараны эңсегенде, гүл жыттанган сулуунун дем алганын сагынып аялынан тажаганда Анаркүлдү көрүп эле көңүлүндөгү эңсегени дал ушул кара көз келиндин колунда тургандай сезип ага байланып калганын сезбеди. Эки жылдан бери аны менен кандай гана кумарлуу түндөрдү өткөрбөдү. Райондук чогулуштан кийин, же бир текшерүүдөн кийин түн болсо да, күн болсо да ага жетип келет. Качан келсе да Анаркүл аны жаркылдап тозуп алып, артына өрүп таштап койгон чачы соорусунан өтүп, керилген келин анын жарпын жазаары, чаңкаганда суусун кандыраар булагы, жыттаса моокум кандыраар жыпар чачкан кызгалдагы. Бурала алдынан чыкса кадимки Айчүрөктү көз алдына келтире өзүн атам замандан берки дастанга айланып келген Семетейге окшоштуруп эрдемсий түшөт. Адам бир ойдун арты менен жандүйнөсүн эргите жыргап эс алса, башка бир ойдун артынан ал өмүр бою санааркаткан сары ооруга чалдыгаары шексиз...

Артык азыр Анаркүлдүн "боюмда бар" дегенине өтө кубанып кетпеди, кабак бүркөп, капа болбоду, болгону аталык милдетин аткаруудан баш тарткан жок. Мындай ишти баардык эркек чече албайт, чечкиндүүлүк чанда бир эркектин колунан келээри бышык. Ошол түнү ал Анаркүлдү өзү менен Ошко алып кетмек болуп убада берди.

Айткандай эле эртеси Болдуканга жолугуп, кетип жатканын айтмак болду. Анын машинасы токтогондо Болдукан сөрүдө катар жаздыкка чыканактап жалгыз ойлуу жаткан эле. Күйөөсүн көрө башын көтөрүп:

- Келдиңби, иштер кандай? - деди.

- Баары жайында, азыр кетип жатам, бир жумадай облуста иш менен таанышып жүрүп калам го, кокус колум бошобой калса силерге телефон чалам. Көчүрүп кетүү үчүн үй даярдагыча күтөсүңөр го?

- Ишиңе жараша болосуң да берекем, кудай кубат берсин, ишиңди оңдосун дейли, ата-арбак жар болсун, - Болдукан тура калды, - Кийимдериңди даярдап берейинби?

- Жо-ок, жөн эле кой, - Артык шашылыш экенин айтып кайра чыкмак болду эле:

- Алыска кетип жатасың, үйдөн туз даам татып чык, жолуңдун болооруна жакшы, - деп үйгө киргизди.

Кызы Индира менен Мунира атасын кучактап калышты:

- Папа!

- Папа! - дешип эки жагынан чыкканда эңкейип аларды мээрим төгө жылмайып өөп:

- Чоңойсоңор дагы эркелей бересиңер да, сабагыңарды жакшы окуп жатасыңарбы? - деди.

- Ооба.

- Мен дагы жакшы окуп жатам, - Мунира секирип мойнуна асылды, - Сиз кетип жатасызбы?

- Ооба кызым, кызмат ошондой, апаңарды угуп жакшы жүргүлө, кийин өзүм көчүрүп алам.

- Көпкө келбейсизби?

- Көпкө кармалам го, жаңы кызмат, орун алгыча кечигем го?

- Болду, атаңарды кармабагыла, - Болдукан колуна табакка нан көтөрүп келип кыздарын тыйды, - Атаңар алыска кетип жатат.

- Макул, пока папочка! - Индира менен Мунира эки бетинен өөп коюп кирип кетишти.

- Кудай жолуңду ачсын, ылайым жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун! - Болдукан жылмая күйөөсүнө эркелегендей күлө караганда:

- Өзүңө дагы кудай кубат берсин кең пейилим, балдарга жакшы кара, атамдар келсе аларга түшүндүрүп кой, - деди.

- Сөзсүз, айтканыңды аткарам жаным, өзүм да балдарга барып келсемби деп турам.

- Азамат, барганың жакшы, анда саламат болгула, мен жөнөдүм, - деп аялынын эки бетинен коомай өөп коюп шаша чыкты да, бир аздан кийин машинанын үнү алыстап барып угулбай калды.

"Кетээринде бир түнөбөй кетти ээ? Эмнеге мынча шашты, балким мени сүйбөйт, же башка бирөөсү бардыр" деп ойлуу колундагыны коюп кайра чыгып ордуна жата кетти.

Күйөөсү кетээри менен айылга барып кыздарын таштап келмек болду да, үйдөгү машинаны сиңдисинин күйөөсүн чакыртып айдатып жөнөп кетти. Ажыбай абдан бакыл чал. Колунда бар, кемпири экөө айылдагылардын алды, баласынын арты менен ого бетер кадырлуу боло түшкөн. Анча-мынча жумушун коңшуларына жасатып алып неберелери баргандан бери мал-салды өздөрү карап кемпир-чал оңуп калышкан. Болдукан келээри менен алып келгендерин дасторконго жайып өзү чай-тамагын даярдап кызмат кылып жатты. Индира чоң энесине жетип кучактап калды, Мунира чоң атасына барып эркелеп учурашканда:

- Ала-анайын, айланайын секелектерим десе, чоңоюп калган тура! - дешип алмак салмак жыттап, - коңулдап жүргөндө кыздарым келип жакшы болбодубу. Балам, бир аз күн таштап кетсең боло? - деди Ажыбай чал келинине.

- Чоң ата, биз көпкө жүрөбүз, каникулга жаңы эле чыкпадыкпы? - Индира апасынан мурун жооп бере салды.

- Ырас болгон тура, жыттоочторум сагынычыбызды таркатып жүрүп кетсин, - Майрамкүл да кубана карады, - Экөөңөр чоңойдуңар, бизди баккыла эми, - деп күлүп койду.

- Мама, быйыл мен бул жерге калып окубайынбы? - Мунира Болдуканды карады.

- Атаңдан сура, сени "жакшы оку, окутам" деп атпайбы, - ал кызын карап кайнене, кайнатасынан тартына айтканда Ажыбай аксакал:

- Мейли балам, окуусу башталгыча жүрсө деле жетет, окутуп-чокута бергиле, балдарыңар өзүңөргө эле буйрусун, - деди, - Бизге Каныбек менен Жаныбек эле жетет.

- Жок-жок, ата, төртөө менен кыйналып каласыздар го?

- Чоңоюп калган балдарга кыйналып эмне, өздөрүн өздөрү багат. Бизге карааны керек, карыган кезибизде кемпир экөөбүзгө эрмек болот. Алымбек болсо окуусунда, атасындай чоң болсо айда жылда бир келсе келет, келбесе жок.

Неберелери менен бакылдап черин жазып кубанып жаткан кемпир-чалга Болдукан тамагын даярдап өзү дасторкон жайды, эки кызы жардам берип жүрөт. Эртеси ал эрте жөнөмөк болду. Ата-эне уулунун кызматтан көтөрүлгөнүн угуп абдан кубанып, ак сары башыл айтып түлөө беришмек болуп калды. Болдукан эрте туруп районго жөнөдү. Үйүнө келип алып эс алып жатты, толгон-токой ойлорду ойлонуп ой түбүнө жете албай, же ойлогон оюнун түйүнүн чече албай көпкө жатты. Артыкка жолуккандан бери өткөн он беш жылды көз алдына келтирип: "Ошондо мен өзүмдөн өзүм качкан экемин. Эрнис мени кандай гана сүйчү эле! Артыкка келгени эчтекеден кем болбодум, баары жетиштүү, болгону бир гана нерсе жетишпейт. өзүм да билбейм, эмне жетишпейт мага?" деп ойлонуп, жалгыздыктан тажагандай улутунуп алды...

Болдукан окууга барып өтпөй калып кыздар менен фабрикага кирип иштеп жүргөн кези. Үч жылы катар тапшырса да өтпөй, акыры намыстанып окуудан үмүтүн үзүп жумушка киришкен. Кыздар менен эртең менен барып кечинде кайтып арадан төрт жыл өтүп кеткен. Бир күнү Айсалкын экөө жумушунан келе жатса бет маңдайынан үч-төрт жигит келе жаткан экен, ойноок шайыр кыздар бир бирин карап каткырып күлө жигиттердин жанынан өтүп кетип баратканда алардын бири кыздарга карап:

- Кыздар, күлкүңөр уккулуктуу симфониянын өзү экен, аярлай турсаңар, таанышып алсак жакшы болоор... - деп арты менен басып келип алдына тура калып эңкейип суранып калды.

- Кыз эле болсо тааныша бермей адатыңыз барбы? - Айсалкын аны жактырбагандай мурчуң эте карап басып кетмек болгондо:

- Жок-жок, кыздар, көңүлгө жакканына жан талашып калабыз, көңүлгө жакпаса артты карабай качабыз, - деп жылмая колун сунду, - Менин атым Сардарбек.

- Жок, биздин убактыбыз жок, - Болдукан басып кетээрде жигит бастырбады.

- Таанышкандай атактуулардан эмеспиз, биздей карапайым кыздардын силерге эмне кереги бар? - деп экөө тең жаман көзү менен карап жөнөй бергенде:

- Кыздар, бир мүнөткө токтой турсаңар, - деп кайра алдына өттү эле берки балдар да келип тозуп калышты.

- Сулуу кыздар турбайбы, биздей жигиттердин канчасынын аты жазылды экен жүрөгүндө? - деди бири.

- Биздин атыбызды да жазып койсоңуздар, тандалып отуруп жагып калсак ажап эмес, - деп бири айтканда баары каткыра күлүп калды.

- Кана кыздар достошобуз, - Сардар ушинткенде беркилер дагы ага кошула кетти, эки кыз бир бирин карап күлүп:

- Мынчалык шоксуңар жигиттер, көңүлүңөр калбасын, - Айсалкын колун сунду, - Айсалкын.

- Болдукан, - дегенде балдар да бир биринен озуна аттарын айтып жатты:

- Осмонбек.

- Аскар.

- Эрнис.

- А мен Сардарбек, - деп шапкесин ала жүгүнүп койду биринчи келгени кыздарды күлдүрмөккө.

- Эмесе кыздар, таанышып деги алдык, парк аралап сейилдеп келсек кандай болот? - Аскар Айсалкынга бурулуп күлө карап калды.

- Чын эле кыздар, жүргүлө, таанышканыбыз менен деп киного деле кирсек болоор, - Осмонбек Болдуканга имериле калганда Эрнис ортодон чыга калды.

- Болдукан, жүрү экөөбүз алдыга баса берели, - дегенде Аскар ага тамашалай карады:

- Эрнис, бир көргөндө сүйүп калгандан соосуңбу, эмеле кызгана баштадың, - деп каткырып калды.

Эки кыз бир бирин карап аларга байкатпай көздөрү менен сүйлөшүп алып, булардын алын көрөлү дегендей ымдашып унчукпай катар басып жөнөштү. Кыздар менен бир топко паркта тамашалашып жүрүп Осмонбек менен Аскар кетмек болду.

- Экөөң эки кыз менен жыргап сүйүүнүн гүлүн терип атсаңар бизге эмне бар, ашыкча болбой биз кеттик, кокус сүйүүгө айланып үйлөнүп калсаңар тойдо чогуу болобуз, - деп Аскар аларга күлө карады.

- Ооба, биздин кете бергенибиз жакшы, тартынбай сүйлөшөсүңөр, эки эмес төрт кыз болгондо жакшы болмок, - Осмонбек дагы тамашаны уланта сүйлөдү.

- Эгер силердин жолугаарыңарды билгенде фабрикада иштеген кыздарды бүт ээрчитип алмакпыз, чекесинен чертип тандап алмак экенсиңер! - Айсалкын куру калбай жооп берди.

- Ооба, жана чогуу чыкпай... Шашылбаганда жигиттердин көңүлүн тапмак экенбиз, - Болдукан курбусуна көзүн кысып койду.

Аскар менен Осмонбек кеткенден кийин алар бир топко чейин паркта жүрүп жакшылап таанышып, Болдуканды Эрнис жолугушууга чакырып үйүнө жеткирип койду. Болдукан ага көңүлү келбесе да асылып жатып киного, концерттерге чакырып жүрүп акыры анын ой-боюна койбой ала качып алды. Бир жылдай жашап таптакыр көнө албай коюп Болдукан төркүнүнө кетип, ошол бойдон келбей койгон. Ошолорду ойлонуп жатып: "Алтынга оронуп, телегейиң тегиз болсо да ортодо сүйүү болбосо жаман тура. Артык мени бактылуу кылдыбы? Колунан келгенин, каалаганымды таап берди, бирок сүйүү тартуулай алган жок. Же үйдө көбүрөөк болбогондукубу, күндөп-түндөп өкмөттүн иши деп жүрүп кызматтан кызматка көтөрүлдү, дос-тууганды алды, дүнүйөнү жыйды, бирок менин жүрөгүмдөн орун ала албады. Экөөбүз эки башка адамдардай сый мамиледебиз. Түн катып түнөп кеткен ойношум сымал гана жашап келатабыз" деп ойлоп дагы улутунуп алды: "Эх кайран жаштык, ушул жакшынакай жүзүмдү, апаппак денемди жыргалга батырып, ырахатка бөлөй албады. Жансыз дүйнөнүн ичинде жалгызсырап калдымбы? Аргам жок эми, өкүнгөндө не пайда, балдарым үчүн жашашым керек" деген чечимге келди Болдукан ушул кезде.

Ал күнү ар кайсыны ойлонуп жатып уктап кетти. Дарбазаны ичинен илип алган эле, такылдаганынан ойгонуп кетип барып ачса Сейилкан экен.

- Оой Болдукан кандайсың, телефонуңа чалсам албайсың, уктап жаттың беле? - Сейилкан шакылдап курбусу менен кучакташа өбүшүп калды, - Мен сени үйгө чакырып келдим.

- Жөн-жай элеби?

- Неберемдин тушоосун кесип жатканбыз, телефонду албаганыңдан өзүм келбедимби, сендей тоодой-таштай аялга башка бирөөнү жөнөтпөй өзүм келдим.

- Оой курбум ыраазымын сага, ушунчалык баалаганыңа, бул да болсо Артыктын кадыры.

- Жүрү эми, коноктор күтүп калды, - деп Сейилкан аны шаштырып киргенде:

- Азыр, - деди да үйүнө кирип кийинмек болуп, кайра Сейилканды карады:

- Сен бара бер, артыңдан жетип барам, сен конокторуңду күттүрбөй тезирээк бар.

- Болуптур, мен бара берейин, тез бара кал, макулбу? - Сейилкан шаша басып дарбазадан чыгып кетти.

Болдукан кийинип алып, жасалгаларын тагынып үйдөн чыкты, курбусунун небересине белектерин алып, конвертке акча салып алды да сумкасын алып жөнөп кетти.

Коноктор баланын тушоосун кесип ырымдап коюп үйгө киришти. Болдукан алардын эң кадырлуу коноктору менен чогуу отуруп ичип-жеп, ырдап-бийлеп анан кеч тарашты. Болдукан калып калды. Сейилкан аны аябай сыйлап, эл кеткенден кийин да өздөрүнчө отурду.

- Кана курбум, ынтымактуу теңтушпуз, ушунубуз мындан ары да уланып бакыттын нуру үйүңөргө нурун чачып тура берсин, - Болдукан колундагы хрустал бокалды аны менен кагыштырганда шыңгыр эткен добушу үй ичинин ансыз да кооз жасалгасына ого бетер көрк кошуп, отурган адамдарды эрксиз, жомоктогу ханышанын ак сарайындагыдай эргитип турду.

- Курбум, өзүң менен бирге болсун, - Сейилкан ого бетер сүзүлө колундагы хрустал бокалын оозуна алып барганда алтын тиши хрусталдан башкача жаркырап жанындагыларды суктандырып турду.

Анын күйөөсү да райондо белдүү кызматкерлерден эле. Ал жумуштары чыгып калып келе албаганын айтып телефон чалган. Келин-уулу өздөрүнчө турчу. Атайын тушоосун ушул жерден кестирип ата-бабанын улуу салтын улап ата-энесинин үйүнөн тойчук берип алар башка бөлмөдө. Көпкө отурган соң кеч кирип калганда Болдуканды кетирбей конок бөлмөсүнө алып кирип экөө көпкө сырдашып отурушту. Анан Болдукан эртеси курортко кетээрин угуп, Сейилкан анын жолуна деп ага өзүнчө сый кылып сумкасына конверт салды:

- Досум, сенин бактың адам суктанаарлык, ошонуң кут болсун, жакшы эс алып кел, - деди оолжуй, ичкен ичимдикке кызый түшкөн келин.

- Ыраазымын курбум, сендей курбуларым менен сыймыктанам, - Болдукан ага чексиз ыраазы боло чери жазыла кубанып алды.

Сейилкан курбусуна диванга орун салып берип өзү чыгып баратып:

- Жакшы жатып, жай тур, - деп койду.

- Өзүң дагы, - Болдукан кызып калганга башы айланып, жатаары менен уктай албай түйшөлүп зорго уктады.

Таң ата туруп жуунуп жөнөмөк болгондо Сейилкан узатып калды:

- Жөнөөрүңдө чалып кой, узатабыз.

- Болуптур, кокус шашылыш болуп калса капа болбо, курбум, - Экөө ысык өбүшүп коштошушту.

Болдукан үйүнө келгенден кийин керектүүлөрүн алып көлгө барчу путёвкасын сумкасына салды да таксиге отуруп жөнөп кетти. Ал ушул учурда ашыкча шаан-шөкөттү жактырбай көңүлү кирдеп турган. Негедир Артык кеткени жүрөгү бир нерсени сезгендей ичинен түпөйүл тартып туруп алды: "Мен бактылуумунбу деги? Ушул он беш, он алты жылдын ичинде жалгыздыгымды сезбеген экемин. Ошол убакта деле үйдө көп болчу эмес, кээде келсе, кээде келбей, келген күнү кеч келип эрте кетчү. Эрди-катындай бир төшөктө жатып сырдашпадык, денем балкып эркектин кумарлуу кучагына канбадым, төшөк тебишип ойнободум. Келгенден кадыр-барк күтүп, чоң адамдарды коноктоп жүрүп өмүр өттү. Балким Артык башка бирөөнүн жарпын жазып, кучагына култуйуп жатып, ырахатын, жыргалын тартуулап жүргөндүр?" деп ойлонуп баратты.

Артык бул кезде облустук иштер менен алаксып жаңы жумуштун көзүн таап, иштешкендери менен көнүккүчө мейманканада болуп жатты. Облтөраганын жардамчысы болуу өтө жооптуу да, кооптуу дагы. Бир жумадан кийин Анаркүлдү көчүрүп алган, ага бир бөлмө үйдү бошоттуруп берип өзү аны менен болуп жатты. "Көрөөр көзүм" деп эркелетип аны тизесине отургузуп алып:

- Анаш, бактылуусуңбу, айтчы? - деди бир күнү.

- Абдан бактылуумун, сизчи? - Анаркүл бакырайган көздөрүн ирмебей аны карап туруп калды, - Сиз дагы бактылуусузбу?

- Ананчы, сендей болгон сулуум жанымда турса мен бактылуу болбогондо ким болмок эле? - Артык анын көкүрөгүнөн жыттап койду, - Жыпар жыттуум менин, ырысым сенсиң, буйруса көз жарып алсаң төбөмө көтөрүп алам.

- Сизге ыраазы болбосом кудай көрүп турбайбы, сени алдасам да кудай көрүп турбайбы? - Наздана моюнунан кучактап алып өөп, - Ата-энеме эмне деп айтаарымды билбей жатам, - деди ойлуу, - Бул жакка келээримде айтсам алыска эмне бар деп, айла жок жооп беришти.

- Эч кабатыр болбо эркем, ар нерсенин өз убагы бар, бир кезде балабыз менен алардын алдына чогуу барабыз.

- Болуптур, менде башка сөз жок, чарчадыңыз го, эс алыңыз, - деп акырын анын алдынан туруп орун салып экөө төшөккө жатып алып бир топко чейин эркелешип жатты.

Артык анын узун чачына суктана берчү, жоон кара узун чачын дайыма колуна ороп ала турган. Ошондо бир ырахат алып тынч уктай турган. Андан да Анаркүлдү көрбөсө турбай турган абалга туш келди. Үйбүлөсүнөн кабар алганы телефон чалып ала албай Сейилкандардан укту Болдукандын курортко кеткенин. Өзү биякка келээрде аялына жолдомо алып бергенин унутуп калган эле, аны эстеп унчукпай калды. Анаркүл менен убактылуу болсо да көңүл ачып жашап, ишин уланта берди. Аңгыча арадан бир ай өткөндө өзүнө даярдаган үйгө үйбүлөсүн көчүрүп келди. Алар көчүп келээри менен төркүндөрү, кайын-журту Артыктын кызматын куттуктап келип жатышты, тартуулары, белек-бечкектери көмүскө берилип, өздөрүнчө эле байлыкка туйтунуп жатышты. Артык баягысынан жанбады, келсе сый гана келип эрди-катын катары төшөктө бир нече саат бирге болушат да, кайра эки бөлөк адам. Күйөөсү экөөнүн мамилеси суз, муздак экенин Болдукан ошондо тагыраак түшүндү,: "Мен Артыкты эптеп сөзгө тартайын. Эгер менден жаш, сулуу аял таап алган болсо кыйнабай жооп беришим керек, ага тоскоолдук кылганым адамгерчилик эмес, сүйбөгөн адамды кыйнап эмне кылам?" деген ойго токтоп, келээрки жолугуусунда сүйлөшмөк болду.

Ошол күнү негедир аялынын маанилүү сөз айтаарын сезгендей Артык жумушунан эрте келди. Кыздарын эркелете колдоруна акча берип, окууга кандай даярданып жатканын билип коюп төркү бөлмөгө өткөндө Болдукан анын артынан кирип ал отурган креслонун маңдай жагына отурду да мелтирей карап туруп калды.

- Сага эмне болду? - деди Артык.

- Эч нерсе. Артык, экөөбүз чогуу жашап жатсак дагы арабыз алыстап баратат, сен кызматка шылтайсың, бирок бир мезгилде эле үйбүлөнү да, кызматты да ала жүрүшүң керек эле. Балким, менден сууп калдыңбы, же башка бирөөнү жактырып калган болсоң...

- Болдукан, бул сөзүң менен эмнени айтмаксың? - Артык аялына таңгала карады.

- Айтайын дегеним, экөөбүз дарыянын эки жээгиндеги агындыдай болуп баратабыз. Сенде бир сыр бар, экөөбүз ачык сүйлөшөлү, эгер сөзүң болсо, сырың болсо ойлон, эртең экөөлөп сыр чечишели, келишели, - Болдукан креслодон түшө калып Артыктын эки тизесинен кармап жалдырап ийди, - Мен каршылык кылбайм, жашоодо баарына даяр туруш керек адам баласы, сенин да өз каалаганыңды жасап, жаркыраган аялга барууга акың бар, мен аны түшүнөм!

- Эмне дейси-иң? - Артык ага таңгала өйдө кылып жанына отургузуп, колтугунан ала башына башын жөлөдү, - Акылманым десе, сенин ушинтээриңди күтүп жүргөм. Ооба, биздин арабыздын алыстаганына бир топ болду, бирок мен жакында гана бирөөнү жолуктуруп калдым. Сенин жүрөгүңдү ооруткум келбеди. Акыркы күндөрү балдарым үчүн гана жашап жүргөндөймүн, - Артык шыбырай сүйлөп атты.

- Туура, экөөбүз тең балдар үчүн гана жашап калдык: муздак төшөк, жалгыздык, - Болдукандын көзүнөн жаш куюлуп үнсүз ыйлап жатты, - Эгер жолуктурганың менден жаш, сулуу болсо, эс-акылдуу болсо уруксат. Мени ойлобо, эч кандай жаңжал кылбайм, кадыр-баркыңа доо кетирбейм.

- Болуптур, аны мен сага алып келем, өзүң жолугуп сүйлөш, анан бааңды айтаарсың. Адегенде сага ыраазы экенимди айтып койойун, - Артык аялын ушу бүгүн жаңы көрүп тургандай эки ийинден ала өзүнө каратып алып, - Мага капа болбо алтыным, эгер сен үндөбөсөң өмүрүм өткөнчө билгизбей жүрө бермекмин. Байкагычсың, сезгичсиң, айкөлүм менин, ак пейилим, мээрманым... - Артык каңырыгы түтөп көпкө отура берди, кучагына аялын бекем кысып алып.

- Артык айтсаң, жаңы үйлөнгөндөн эле мага салкын көз карашта болдуң, ээ?

- Койсоңчу, анда жаңыдан кызматка аралашып мактоого татыган сайын көрүнүүгө далалат кылып "ишим элге, чоңдорго жакса, өйдөлөсөм" деп ээлигип жүргөн убагым, үйбүлөнү экинчи орунга коюп койгом ошол кезде, - Артык кайсактай күлүп койду.

- Ооба-а, үйгө келгенде да кагаздан башыңды көтөрбөй отура берчүсүң...

Эрди-аял көпкө отурушту ошол убакта. Бир-бирин дилинде түшүнүп, чын ыкластан ыраазы болуп атты: "Араздашып, жаңжал салганда эл билет, жумушунан айрылып, партиядан чыгат, абийири кетет. Мен андайга барбайм, балдарымдын атасы" деп ойлоп жатты Болдукан. Ошону менен сөз бүтүп, экөө ошол түнү бир оокумга чейин стол үстүн толтуруп тамак-ашын жайнатып, импорт арактан аз-аздан татып сүйлөшүп жатышты. Болдукандын мээримдүүлүгүнө, кең пейилдигине ыраазы болгон Артык:

- "Асыл адам аз жаралат, калыстыгы бүт дүйнөгө маалымданат, жаман адам көп, кылган иши жок, кылаарга кеп", деген экен, жашоодо аялзатынын акылдуусу экөө болсо сен бирисиң, алтыным, мен сенин кеңдигине ыраазымын! - Артык аялынын рюмка кармаган аппак жумуру, салаалары алтынга толгон колун кармап оозуна такап өөп, - Эки дүйнөдө ыраазымын! - деди.

- Мен дагы сага ыраазымын! - Болдукан күйөөсүн биринчи көрүп тургандай жылмая карады. Ушул ирмемде анын жүзүнөн, көздөрүнөн бир башкача бакытты көрүп турду: адам кубанычка батып, жүрөгүндө катылган арманы арылып мүдөөсүнө жеткенде жүзүнөн байкалып калат эмеспи, муну чанда бир адам байкабаса, баары эле байкай албайт. Ушул түн экөө үчүн арналгандай алардын сөздөрү бүтпөдү.

Артык таң агарганда тук этпей туруп жумушуна кетип жатып:

- Түштөн кийин сени күтөм, - деп жумушунан күтөөрүн айтып чыгып кетти.

- Макул, - деген Болдукан, - Создуктуруп отурбай арабызды биротоло ачып алалы. Мейли, баары колунан келип турганда мен бир нерсеге жолтоо болбойун, кудай ага баарын берип турганда тоскоол болгонум жакшы эмес, - деп күбүрөнүп көпкө турду да үйгө кирип диванга жатып алып үнсүз боздоп, анан ордунан ыкчам туруп өзүн каранып жолугушууга даярданып жатты.

Ал болжогон мезгилде анын жумушунун алдына барып кабылдамадан телефон чалды. Бир аздан кийин алар ашканада отурушту. Болдукан Анаркүлдү карап тим болду. Бир аздан кийин Артык:

- Мен бара берейин, силер сүйлөшүп отургула, - деп кечирим сурай чыгып кетти.

- Атың ким? - Болдукан токтоо үн катты.

- Анаркүл.

- Мени Болдукан эже десең болот.

- Жакшы...

- Кайсы окууну бүттүң эле?

- Экономфакты.

- Анан секретарь болуп иштедиңби?

- Ооба, мага жумушка илинишим керек болчу, акырындап ордумду тапмакмын.

- Ата-энең барбы?

- Бар. Айылда турушат.

- Демек Артык менен түбөлүк жашоого көзүң жетеби?

- Жетет, баарын өзүм чечкенден кийин чыдоого туура келет, - Анаркүл жер карап отурган калыбынан жазбай жооп берип жатты.

Болдукан анын келбетинен, бой мүчөсүнөн, сүйлөгөн сөзүнөн кемтик таппай отурду: "Ырас эле сулуу экен, акылы деле дурус болсо керек, демек Артык жаңылган эмес экен" деген ойдо бир аз отурду да:

- Артык менен турмуш курарыңды ата-энең билбесе, каршы болбос бекен?

- Өзүм түшүндүрөм.

- Анаркүл айтчы, экөөбүз эже-сиңдидей же жөн эле аял катары сүйлөшөлүчү, сен Артыкты сүйүп анан макул болгону турасыңбы же дене кумары үчүнбү? Балким чоң кызматчынын аялы болууга кызыкдар болуп жүрбө?

- Менин боюмда бар...

- Эмне? - Болдукан аны таңгала карады, аны бул жакка келгенден кийин тапкандыр деп ойлогон, - Силердин таанышканыңарга канча болду?

- Эки жылдай убактан бери таанышпыз.

- Демек, эки жылан бери дечи... - деп телмире аны карап калды, - Канча айлык?

- Үч ай болуп калды.

- Артыктын баласы экени чынбы?

- Эмнеге антесиз? - Анаркүл анын көздөрүнө тике карап суроолуу тигилди, - Сиз антип мени шакаба кылбаңыз, мен көрүнгөн аялдардан эмесмин!

- Кечирип кой Анаркүл, сендей жаш, өңдүү-түстүү келиндер өз теңин эмес, улуу адамдардан бактысын издегени кызык, - Болдукан туруп ары-бери басты да, - Сен менин бир суроомо жооп бербей буйтап кеттиң, - деди кылчая.

- Кайсы сурооңузга?

- Артыкты сүйөөрүңдү же сүйбөсүңдү айтпадың го?

- Сиз мени жөн гана сөздөн кармагыңыз келип жатат.

- Жо-ок сиңдим, улуубу-кичүүбү, сүйүү болбосо жакындашууга болбосун билесиң, билип туруп жооп берүүдөн баш тартып жатасың. Биздин балдарыбыз бар, бир топ жыл жашап, жытыбыз сиңишип калган. Мен күйөөмдү сүйүп, барктап жашаган аял болсо уруксат берем, эгер сүйбөй туруп анын мансабына, кызматына кызыгып жаткан болсоң мен каршымын! - деп кербездене анын маңдайына келип столду жылдырып отурду, - сен Артыкты сүйгөн болсоң жолуң ачык!

- Эже, чынында сүйөм, Артык Салиевичти жан дилим менен сүйөм! Мен анын мансабына, байлыгына кызыкпадым, жүрөгүмдөн сүйүп тулку-боюму, баарын ага алда качан арнап койгомун! - Анаркүлдүн көздөрүнө жаш тегерене үнү дирилдеп анын көзүнөн жалтана жер карады.

- Бул башка сөз, мен эми ыраазымын. Сенден бир суранаарым, Артыкты башка менен алмашпайм деп сөз бересиңби?

- Сөз берем, - деп Анаркүл жер карап отурган бойдон үн катты, - Ал менин түбөлүк жарым болушун каалайм!

- Анда сүйлөштүк, бактылуу бол, кош! - деп Болдукан ордунан туруп басып кетти.

Анаркүл отурган жеринде мелтиреп көпкө отурду: "Чын эле мен аны сүйөмбү же жөн гана абийирим жабылып, ата-энемдин алдында жүзүмдү жарык кылуу үчүн ушул ишти жасап жатамынбы? Мен сүйүү жөнүндө ойлонгон эмес экемин, түбөлүк жашап кете аламбы?" деп ойлонуп, канча отурганын аңдабай калды, туруп үйүнө жөнөдү.

Кечинде Артык телефон чалды:

- Ало, Анаш, кандай ал-абалың?

- Жакшы...

- Болдукан сени капа кылган жокпу?

- Жок, ал эчтеме дебеди.

- Аа-а жакшы, тынчым кетип чалсам келе элек окшойсуң, трубканы албаганыңдан келе элек экен деп сарсанаа болуп жаттым.

- Кабатыр болбоңуз, жаман айткан жок.

- Мейли, анан барып калам, - Артык телефонду коюп койду.

Анаркүл көпкө чейин трубканы кармап тура берди. Анан көптө барып жуунуп чыкты, күзгүнүн жанында отуруп узун чачын алды жагына салып алып тарап жатып күзгүдөн өзүн карап: "Мен аны менен түбөлүк жашай аламбы, жакшы аял болуп бере аламбы, деги менде сүйүү барбы?", деп ойлонуп өз суроосуна жооп таба албай жатты. Аңгыча айлананы караңгылык каптап иңир кирип үйдүн ичи күңүрттөнүп калганда туруп барып жарыкты күйгүздү. Газга чай коюп тамак жасаганга киришти. Муздаткычты ачып толгон тамак-аштарды көрүп: "Сүйбөй туруп балалуу болуп, алдап жашаймбы? Мына, баарын толтуруп берип эч нерседен кем кылбайт, эмне десем аткарылат. Ушинтип алдаганча аялы менен жашай берсин, мен качып кетип калсамбы?" деп ойлоп, кайра муздаткычты жаап өйдө боло бергенде эшиктин коңгуроосу чыр этти. Артык келген экен. Эми экөө бет маңдай отуруп сүйлөшүп жатышты:

- Аялыңыз жакшы адам экен, - Анаркүл жылмайып карап койду, - Менимче бардык эле аял мындайга барбаса керек?

- Айтпадым беле, асылзаада аял деп, анын жүрөгү мээримдүү, пейли ааламдан да кеңдик кылат болуш керек, - Артык күлүп калды.

- Эмнеге ошол аялыңыздан мага өтүп келип жүрөсүз андай болсо? Жакшы аялдын кадырын эркек билбейт деген чын окшойт...

- Анаш, Анашым менин, жакшы аял үйүңдүн куту, балдарыңдын апасы, күйөөсүнүн кеңешчиси болсо ошо жетээр. А сен менин эс алуучу кооз жайымсың, эңсегенимде моокумумду кандырып, суусунумду басаар салкын төрүмсүң! - Артык аны бекем кучактап алып көздөрүнө тигилди, - Айтчы, сен мага ыраазысыңбы, жаным?

- Ыраазымын.

Анаркүл минткен менен: "Бир да жолу менден сүйүү жөнүндө сурабайт, өзү да сүйөм деп айтпайт, балким мени сүйбөйт, жөн гана эс алганда эрмек кылаар, өзү айткандай" деп ойлоп ийди.

Анын телмирип өзүн тиктеп калганын байкап:

- Эмнени ойлонуп калдың? - деди Артык.

- Эчтеме, ойлонгон деле жокмун...

- Жо-ок алтыным, сен ойлонуп калдың, Болдукан сага катуу айткан жок беле?

- Ал эмне демек эле, жакшы аял экен, түшүндү...

- Ооба, ал ошентмек, бирок сен менден бир нерсени жашырып жатасың. Ээ мейли, иш чачтан көп, эс алайын, - деп Артык диванга отурганда Анаркүл чакан столду алып келип үстүнө тамак койду, экөө отуруп тамактанды да жатып калышты.

Анаркүл өзүнчө күдүк ойго алдырып, Артыктан: "мен сени сүйөм" деген сөз уккусу келип, жан-алы калбай тынчы кете берди: "Ушул убакка чейин сүйөбү же сүйбөйбү деп ойлогон эмес экемин, аялына билине электе кетип калсам болмок, эми болбойт" деген чечимге токтоду.

Болдукан шаарга келгенден бери тааныш күтө элек, көңүлү чөгүңкү. Бир капталы эңшерилип жалгызсырап, негедир өзүнөн өзү басынып калды: "Бир топ айлар өттү, Артык эми башка бирөөнүн күйөөсү, туура кылдымбы же туура болбодубу?" деп баш катырма ойлордун кучагында отурат. Артык кээ-кээде гана керектүүлөрүн алып келип кыздарына жолугуп кетип турат. Балдары, ата-энеси эч нерседен кабарсыз, алар келип калса, Артык өзү келип жолугуп берчүсүн берип, ал күнү түнөп, анан кетип калат. "Убагы келгенде өздөрү түшүнөт, бала эмеспи, бир аз капа болушаар" деп ойлоп алат Болдукан. Ал ошентип отурганда Индира жасана кийинип алып үйдөн чыкты:

- Кызым, кайда жөнөдүң?

- Мама, окуу башталаарына аз калды, барып керектүүлөрүмдү алып келип алайын.

- Макул, тез келгин ээ?

- Тез эле келем, - Индира шашыла чыгып кетти.

Болдукан аны артынан узата карап: "Бойго жетип калды, булар атасынын башка аял менен жашап жатканын укса жаман абалда калышат го. Айрыкча Мунира өжөр, кекчил, бетке чабаар чапчаң, кандай болоор экен?" деп ойлонуп отура берди. Ал көптөн бери ушул абалда эч жакка чыкпай калган. Ошол кезде телефон чыр этип калды:

- Ало, угуп жатам, - Болдукан көңүлсүз жооп кылды.

- Болдукан, бул менмин, Сейилкан, ал-абалың кандай?

- Аа-а, Сейилкан, жакшы эле, өзүң кандайсың?

- Абдан жакшы. Зеригип жатасыңбы, деги ал жакта жашоо кандай?

- Ойдогудай, ырас эле зеригип тургам, аякта кандай жаңылыктар бар, сүйлөсөң.

- Жаңылык деле жок, баягыдай эле. Гүкүш, Тынара болуп жолугуп калганда сени кеп кылып эстеп алабыз, андан көрө бир келип кетпейсиңби?

- Жакында баралбайм го, бараарда өзүм чалам, ээ?

- Болуптур, досум, эмнеси болсо да бала-чакаң тынч, чалыңдын, өзүңдүн денсоолугуңар соо болсо болду, жакшы жүргүлө.

- Жакшы тургула, бир аз күндөн кийин үйдөн чыгаарда өзүм чалып койом.

Болдукан трубканы койду да бөлмөдө ары-бери басып жүрдү: "жашоосу ойдогудай, күйөөсү көзүн карап турат, эч нерседен камы жок, бактылуу экен" деп алды өзүнчө: "Бир кезде мен дагы бактылуу болчумун, анда күйөөмдүн мага көз карашы кандай, мени сүйөбү, сүйбөйбү деп ойлобогон экемин. Баары турса, каалагандай жашоом болсо ошону мен бакыт деп жүргөн турбаймынбы! Бул жансыз дүнүйө, кымбат баалуу жасалгалар жүрөгүңө жылуулук бермек турсун үшүтүп жиберет тура, жаныңда жүрөк эргиткен сөздөрдү арнап, жарпыңды жаза көңүл көтөрүп тураар адамың сенин жаныңда турганы менен өзү алыста жүрсө бул азаптуу дүйнө тура" деп көз кычыктарынан сызылып чыккан жашын аарчый сыртка чыкты. Эч нерсеге көңүлү жок, же тамак ичкиси келбеди. Индира кеткен бойдон келе элек. Мунира ысыктан улам бөлмөсүндө уктап жатат. Сөрүгө барып паржаздыкты катар коюп жатып алып да ойлонуп жатты: "Анаркүлдүн төрөөр маалы боло элек, анын Артык менен жашаар ойу болсо төрөгөндөн кийин баштайт, азыр алар ысык болуп турган кези, күтө турайын" деп да ойлоп алды.

Кеч күүгүм болгон кезде Индира кирип келди. Тынчсызданып жаткан Болдукан:

- Индира, кайда жүрөсүң ыя, кыз бала ушул убакка чейин жүрүп алганы эмнеси? Атаңдын кадыр-баркын түшүрүп жаман жолго түшүп кетсең эмне болот ыя? - деп алдынан чыкты.

- Кечигип калса эле кадырына доо кетип калат бекен, дос кыздарды таптым, - Индира моюн толгой үйгө кирип кетти.

- Кудайга тоб-бо-о, кыз бала чоңойсо башыңа балээ түшөт дешсе ишенчү эмес элем, бойго жетип жакшы жерден куда күтөт экенбиз деп жүрсө, бул кантет? - Болдукан өзүн уккусу келбей кирип кеткен кызына нааразы боло жарыкты күйгүздү да, - Индира, Мунира экөөң тамак жасай койгулачы! - деди отуруп жатып.

- Азыр, - Индира үнүн чыгара жооп кылды.

- Менин башым ооруп жатат, - Мунира чыгып апасына даттана кетти, - Кызың өзү эле жасасын да.

- Өзүм эле жасайм, коркпой эле кой, - Индира башын босогодон чыгарып күлө, - Иш кыл дегенде эле ооруп калдыңбы? - деп кайра кирди.

- Мейли, сен күйөөгө кеткенде өзү кылат, мени багат да кызым, - Болдукан алдына жатып алган Мунираны башынан сылап өөп койду, - Кызымдын эси бар, апасынын тилин алат, башың ооруса дары ичесиңби?

- Жок апа, кызыңды алдап койдум, - Мунира эркелеп апасына жабыша калды, - Айтпаңыз, ал мени жумшай берет.

- Мейли, менин жаныма жатып ал, тамак бышканда турасың, - Болдукан Муниранын ойу менен болуп жаткырып жаап койду.

Түгөнбөгөн ойлор түйшөлтүп эчен түндөр уйкусуз, күндүзү тынчы кетип өмүрүнүн өтөөрүн ойлогондо ичтен тына оор улутунуп алды: "Эмне, мен элден кем бекемин, ойноп-күлүүгө убакыт бар", деп да ойлоп ийди. Индира дасторкон жайып тамагын алып келгенде гана ойлору чачылып кетти, кызын тургузуп үчөө тамактанды.

- Кызым, - деди ал Индираны карап, - Сен эми бой жетип калдың, бойго жеткен кызга ар кимдин көзү түшөт. Жакшы жүрсөң жакшы адамга жолугасың, жаман жүрсөң адашасың. Акылымды ук, тилимди ал, бүгүндөн баштап эки жакка чыкканыңды токтот, - деди.

- Ма-ама, эмне деп эле жатасың, бир күнү басып койсо канча жолу айтасыз да. Таанышып, теңтуш күтсө да болбойбу?

Индира ичип жаткан тамагын таштап тултуңдай үйгө кирип кеткенде Болдукан: "Аттиң, балаң сөзүңдү укпаса, күйөөң таштап кетсе, жашоонун кызыгынан не пайда, ушул күндү көрмөк экемин го?" деп жүрөгү сыздап, кызынын кыял-жоругунун өзгөрүп баратканына зээни кейип калды.

Фрунзеде окуган уулу Асылбектен кат келген экен, окуп жатып ыйлап алды. Ал: "Жакында үйлөнөм, эмки жума күнү тозуп алгыла, барып калабыз" дептир кыскача гана.

Шашып ордунан турду: "Артыкка барсамбы?" деп ойлонуп кайра телефон чалмак болуп үйгө кирди. Ал чалганда Артыктын үнү угулду, Болдукан өзүнчө жаман абалда, бөтөн бирөө менен сүйлөшчүдөй тартынып:

- Ало... ало... - деп туруп калганда арыдагы үн:

- Угуп жатам, ким экен? - деди сылык гана.

- Артык, мен эле, сени менен сүйлөшчү иш бар, телефондон болбойт, келе аласыңбы? - деди өзүн колго ала.

- Аа-а Болдукансыңбы, эмне жумуш?

- Асылбек үйлөнөм дептир, кеңешсекпи дегем...

- Болуптур, жумуштан кийин барам.

Артык трубканы коюп койгондо Болдукан шалдая туруп калды. Ал ушу кезде өзүнөн өзү качып калган, негедир чүнчүп басмырлана түштү. Өзү да билбейт неге минтип баратканын, бир билгени анын жүрөгү эңшерилип бир нерсесин жоготкондой абалда аялуу буюмун таппай кайсалаңдай берчү болгон. Кечки бештер чамасында машина келип токтоду. Ордунан козголбоду, кирип келаткан эрин карап отура берди.

- Ко-ош, эмне кеп? - Артык отурбай суроо узатты.

- Асылбек телеграмма жөнөтүптүр, - Болдукан жанында турган кагазды анын колуна карматты.

Аны окуган Артык:

- Иттин баласы, эми экинчи курска зорго кирди, азыртан үйлөнгөндү ким коюптур? - деп ачуулана кетти, - Кайра телеграмма жөнөт, азыр үйлөнбө деп!

- Кантип? Убадалашып койгон болсо эмне болот? Өз балаңа кастык кылба-а атасы, балдар сенин үйдөн кеткениңди билишпейт. Андан көрө жакшына болуп баарын даярда, баланы томсортпой тозуп алалы, - Болдукан жининин келе түшкөнүн билгизбей аста сүйлөдү, - Өзүң да бир кезде жаш болгонуңду ойло!

- Анда өзүң билип, үйлөнтө бер! - Артык бурк эткенде дагы токтоолук кылды Болдукан.

- Эмнеге? өзүм биле турган бала болгондо чакырып убара тартмак белем, экөөбүзгө тең тиешеси бар. Көбүнчө сөз сага келет, мага эмес.

- Иш чачтан көп болуп жатканда ашыкча түйшүк болуп атпайбы, он миң сом таштайм, өзүң өткөрө бер! - деп чөнтөгүнөн ала келген акчаны чыгарып сунду да, - Түшүндүрүп айтасың да, мен кийинчерээк келем, - деп дарбазадан чыгып кетти.

Колундагы акчаны мыкчыган бойдон Болдукан көзүнүн жашы мөлт этип катып калды: "Ушунчалык өзгөргөнүн кара, ээси көнсө да, ууру көнбөйт болгонун кара, мунун аял алып үйбүлөсүн таштап кеткенин укса ошол орунда бир мүнөт отура албасын сезеби деги, же Болдукан көк мээ дале аны аяп койот деп ойлоп атабы? Шашпа-а, уулумду жер каратпай жөнөтөйүн, кудаларды узатайын, анан кандай болоор экен" деп токтоолугу аны дагы бир жолу ачуусун жуткуруп: "Он миң ашып ташып кетет, жылкынын баасы эки миң сом, калыңына, тосконуна жетет" деди да тез арада дүкөнгө барып келинге баштан аяк кийим алып даярданмак болду. Артык ошол бойдон үйгө чалып сурап да койбоду, басып да келбеди.

Күткөн күн келип союштарын белендеп, чоң ата, чоң энесин, өзүнүн ата-энесин, туугандарын чакырып келинди күтүп калышты. Түш оой үч машина менен келинди алып келип дүрбөп калышты. Белендеген жоолугун кайненеси Майрамкүл жоолук салып, өз апасы Касиет чачыла чачып ырым-жырымын жасап, келинди көшөгөгө киргизип отургузуп:

- Айланайын, ак жолтой, ак жүздүү келин бол, алдыңды бала, артыңды мал басып, ырыс кешиктүү бол! - деп карылар ак баталарын берип жатты.

Асылбек келгенден атасын издеп көрө албады. Болдукан жан-алы калбай келиндин камын көрүп жүргөн, ал бир аз бошой калды эле:

- Мам, папам көрүнбөйт да? - деди Асылбек.

- Ал Фрунзеге кеткен, балам. Кызматтагы адамдын колу бошобойт экен, силер кеткенче келип калаар...

Болдукан уулуна калп айтып алып жаман абалда турганын байкатпай жумушуна алаксыган болду. Келиндин төркүндөрү жакын эле Оштон экен, эртеси он эки, он үч киши микроавтобус менен жетип келишти. Болдукан аларды жылкы союп тосту, чучук, казы-картаны тартып эки күн конок болуп, кетээринде алдына акча, кийит-кечесин коюп, кешикти мол салып берип узатты. Ажыбай өзүнчө бир жылкынын пулун, өз төркүндөрү келиндин көрүндүгү деп акчалай алып келген экен, Болдукандын капчыгы кампайып эле калды. Келини да кичи пейил, назик, өңдүү-түстүү келин, кайненесине, чоң ата, чоң энелерине эртели-кеч жүгүнүп, эртеси эле казан-аякка аралашып кетти.

Асылбек атасын аябай күттү, бирок ал келе койбоду, экөө тең окууда болгондуктан бир жумадай туруп кайра эле кетмек болушту. Аларды бир машина менен Болдукан өзү жүктөрүн кошуп жеткирип келди. Аларды жеткирип келгендин эртеси телефон чыр эткенинен алса Артык экен:

- Ало, Асылбектер келбедиби?

- Бир гана сен жок болдуң, уулуңду атасы жоктой кылбай жөнөттүм, бир келип уулуңду куттуктап койсоң болбойт беле?

- Баарын даярдап берди, эми эмне арманыңар бар?! Экинчи Артыктын тынчын алып, атын атоочу болбогула! - деп аялдын үнү чыкканда Болдукандын оозунан сөзү түшүп калды: "Тобо-о, баягы келиндин оозу ушуну айттыбы, кечээги эле сетер кыздан угаар сөзүм ушул беле?" деп андан аркы сөзүн уккан дагы жок, трубканы коюп жүрөгү сыздай отуруп калды.

Индира үйдө жок эле, Мунира дагы окууда: "Жалгыздыктан тажап баратам" деп эмелеги сөздү эстегиси келбей кайра туруп суу жутту, өзүн алаксытмакка телефонду бурап Сейилкан менен Гүкүшүнө телефондон сүйлөшүп, бир аз эс ала түштү. "Булар мени ким деп ойлоп жатат? Эртең кабинетине чалып сүйлөшөм, эгер минте берсе абийирин төгүп кызматынан ыргыттырып койом", деп ойлоно берди.

Индира негедир үйгө токтобой калды, күндө кеч кайтып, кээде көрүнбөй кирип жатып алып эртең менен сабагына шылтоолоп кетип калат, түштөн кийин Мунира жанында. Ал апасына бир күнү:

- Мама, папам эмнеге келбей калды? - деди кабак бүркөй.

- Жумушу көп да, балам, чоң кызматтагылар үйгө түнөбөйт.

- Эмнеге, алар түндөсү деле кабинетте отуруп иштей беришеби?

- Ий-и, ошентет, - деди Болдукан ойлуу телмире, - Атаң эми борборго көтөрүлүп кетсе бизди унутат, - деп койду сырдуу жылмая.

- Атам эми Фрунзеге кетет бекен?

- Ошондой болушу мүмкүн.

- Аа-а, - деп койду, али балалыгы кете элек ойноо секелек андан кийин унчукпай калды.

Болдукан кызынын ууртунан өбө эркелетип койду:

- Кызым, атаң иштеген айлыгын берип жатпайбы, өзү келээр бир күнү.

Ошентип бир бирине окшогон күндөр айга алмашылып дагы үч ай өткөндө Анаркүл эркек төрөдү. Болдукан оозеки уруксат берген менен, алар закондуу түрдө ажыраша элек болчу. Артыктын айласы кетип калды, ажырашып кайра тигисине никеге турса "билинип калып жумушумдан ажырап каламбы?" деп коркот, жөн эле жашай берейин десе Анаркүл анын жанын койбой уруша баштады.

- Аялың менен ажырашкың келбесе кетем, - деп аны такыр эле баштап алды, - Эгер бала меники дебесең, күбөлүк албасаң арызданам!

- Эмне болуп жатасың Анаш, ушундай кылмак белең? Эми бир аз чыдай турчу! - Артык андай да, мындай да айтып көрдү, болбогондо ачуусу келе, - Эмне кылсаң ошо кыл, ансыз да балдарымдан алыстатып каттатпай калдың! - деп кетип калды.

Анаркүлдүн айласы куруп Болдукандын үйүнө чалды.

- Бул ким? - Болдукан ала коюп Анаркүлдү үнүнөн тааный койду.

- Эже, мен сиз менен жолугушуп сүйлөшмөк элем.

- Кандайча?

- Сөз бар!

- Менин сенде сөзүм жок! - Болдукан телефонду коюп койду: "Шуркуя десе, эми чычкысы келип калган го, шашпа, сени талаада гана калтырбасам элеби?" деп кекетип алды.

Ал ошентип отурганда телефон кайра чырылдады.

- Угуп атам.

- Эже, сиз менен сүйлөшөт элем, бир жолугуп коюңузчу? - Анаркүл ыйламсырай сүйлөдү, - Суранам, бир эле жолу.

- Болуптур, качан?

- Эртең, баягы жерден.

- Макул, - Болдукан сүйлөгүсү келбей трубканы коюп койду.

Ошол күнү Артык үйүнө келди. Эки кызынын кубанганын айтпа, жанынан чыкпай калышты. Ал кечке чейин кыжаалат болуп, жан кыйнаган санаадан бир аз арыла түштү. Чыны Анаркүлдөн тажай баштаган эле, анда-мында жолугуп жүргөндө чоюлуп, аз сүйлөп, жылмайып койчу келин бирге жашагандан бери таптакыр башка жанга айланды: "Дөөлөттү көтөргөндү көтөрөм" деген чын экен, Болдуканга жетпейт. Байкуштун кадырын билбей жүрөгүн ооруттум, көңүлүн калтырдым, эми ал мени кабыл алабы?" деп келген эле.

Болдукан эч нерсе билбегендей зымпыя тамагын жасап алдыга алып келди:

- Иштериң кандай? - деп койду көптөн кийин.

- Жакшы, кудайга шүгүр, өзүң кандайсың Болдукан? - күнөөлүдөй сурап койду.

- Көрүп турбайсыңбы, ойдогудай эле...

- Жакшы экен.

Кайра унчукпай калды, Болдукан бир сөз айтабы деп күттү, бирок ал эчтеке дебеди. Үнсүз гана көз карашы менен сүйлөшүп тим болушту.

Артык түйшөлүп бир сөз айтмакчы болуп бирок даабады, Болдуканды сүйөөрүн эми билди, канчалык алыста болсоң жакшы көргөн адамыңдын кадырын көбүрөөк билип сагынып калаарын сезди: "Эмне болсо ошо болсун, өз үйүмө кайтам, балдарымдан жат болуп кала электе бул жүрүшүмдөн кайтышым керек" деп жатты өз оюнда. Ал эрте жумушуна кетээри менен Болдукан Анаркүлдүн болжогон жерине жөнөдү, келсе ал колундагы баласын көтөрүп алып күтүп турган экен.

- Келдиңизби эже, жүрүңүз жайыраак отуруп сүйлөшөлү, - Анаркүл шыпылдай отургучка алып келип, - отуруңуз, - деди.

- Кулагым сенде, сүйлөй бер, - Болдукан аны бутунан башына чейин чолуп өттү: "Бечара, Артыктын тапканын боюна чаптаган экен" деп койду оюнда. Анткени, анын колдорунда алтын шакектер, кулагында сыргасы өтө баалуу алтын, бриллиант көздүү чынжырча, кийгени импорт көйнөк, туфлиси да кымбат бут кийим. Өзүн бир сыйра көзүнөн өткөрүп сынай карап турган күндөшүнөн бир саамга тартына түштү да:

- Эже, сиз өзүңүз уруксат бердиңиз эле, эми аягына чейин жардам бериңиз, балага күбөлүк алыш керек. Сиз макул болсоңуз эле Артык арыз берет, ажырашасыздар, биз никеге турбасак болбойт, - деди үмүттүү.

- Сен Артыкты көп адамдын бириндей көрүп жүрөт окшойсуң. Ал андай кыла турган болсо моралдык жактан бузулган деп күнөөлөшөт, анан мага да, сага да жок болуп калат.

- Анан эмне кылышым керек?

- Күтө тур...

- Кантип, никеде болбосок, балам атасынын эч текесине ээ боло албай калат да?

- Эмне, бир нерсеге энчилеш болсо дедиң беле?

- Ушунча жашап жаманатты болуп кала бермек белем, балама алыш керек да?

- Эмне, Артык экөөң жашай албай калдыңарбы? - сынай карап койду.

- Жок, андай деле эмес дечи, түндө келген жок, үйгө бардыбы? - Анаркүл Болдуканды үрпөйө карады.

- Барган жок, анын сен экөөбүздөн башка канча аялы бар экенин билебиз? - Болдукан ага сырдуу жылмайып койду.

- Эже, документтери керек болуп жатат, жок дегенде паспорту болсо күбөлүк алып алат элем.

- Ошол эле керекпи? - Болдукан күлүп калды, - Эртең да ушул жерден жолугалы, мен сага алып келип берем.

- Чын элеби? - Анаркүл сүйүнүп кетти.

- Менин башка жумуштарым көп, эмесе эртең жолугабыз, - деп Болдукан басып кетти.

Ал ошентип аны бир амал ойлоп таап Артык менен жолуккус кылмак болуп калды: "Бул эптеп баласына күбөлүк алып, ЗАГСка туруп алып кылбаганды кылып жүрбөсүн, андан мурун озунушум керек" деп ойлоп, өзү тааныган бир жигитке сүйлөштү. Баарын даярдап коюп эртеңки күндү күтүп калды. Артык ал күнү да үйүнө келди. Дагы эле үн дебей отуруп жатып алды.

Эртеси Болдукан шашылып барып, Анаркүлдү аябай сыйлады. Экөө сырдашкан болуп отуруп винодон кыстап ичирип, абыдан кызуу болгондо Тариелди чакырып машинасына салып берди да, артынан такси менен өзү барып, эки кабат үйдүн экинчи кабатынан анын үйүнө кирди. Тариел анын баласын киргизип, андан кийин Анаркүлдү жөлөп-таяп зорго алып кирип дырдай жылаңач кылып чечиндирди да, төшөк салып жаткырып койду. Болдукан жыпжылаңач Анаркүлдүн жанына Тариелди жаткырып сүрөткө тартып алды да, үйүнө келди. Анан жумушта отурган Артыкка телефон чалды, Тариелди сүйлөтүп:

- Ало, Артык Салиевич, Анаркүл катуу ооруп калды, тезирээк келиңиз, - деди да трубканы коюп койду.

Болдукандын ичи туз куйгандай ачышып: "Кечээ жолуккан немеге үйдү, үй толгон дүйнөнү алып бергенин кара, эми көрөм сенин эмне болгонуңду" деп ойлуу отуруп калды. Тариелге айткан акчасын берип узатып койду.

Артык шашыла кабинетинен чыгып Анаркүлдүн үйүнө келсе эшиги ачык, баласы үнү басылбай ыйлап жатыптыр. Анаркүл болсо энеден туума болуп эчтеке билбей, чачтары саксайып уктап жаткан экен. Айласы куруп балага сүт берип сооротуп, Анаркүл ойгонгуча жатты. Дарынын күчү тарагыча түн кирип, Анаркүл бир оокумда ойгонду, өзүнүн жылаңач жатканын көрүп тура калды. Артык креслодо бүкүлү бойдон жаткан. Анаркүл башы зыңгырап ооруганына чыдабай суу ичип келип баласын караса ал ордунда уктап жатат.

- Качан келдиң? - көзүн ачкан Артыкты үрпөйө карады.

- Сен эсиң ооп жатканда мени атайын бирөөлөр чакыртышканынан келгем. Баланын боору катып кала жаздаптыр. Сен ушундай экенсиң да, эки күн келбегенимден пайдаланып көнгөн адатыңды карматыпсың.

- Эмне болуптурмун? Сенин аялың менен ичкемин, анан кызып калыптырмын...

- Ага эмне жолуктуң эле? - Артык түшүнө бербей сурады.

- Жолукса болбойбу? "Ажыраш, ЗАГСка туралы" деп айттым.

- Эмне деди анан?

- Сыйлады, экөөбүз сүйлөшүп жатканбыз... - Өзү да андан аркысын биле албай башы маң болуп жатты.

- Болду, балаңды кара, эми мындан ары менин тынчымды алба, ушуга ыраазы бол!

Артык ордунан туруп кетмек болгондо Анаркүл:

- Аялың экөөң сүйлөшүп алып мени атайын жаманатты кылып таштап кетмек экенсиң го? - деп Анаркүл бакырып келип жаакка чаап ийди.

Артур:

- Аялым сага эмне кылды, күйөөсүн койнуңа салып берип, өзүңдү сыйлаганыбы? - деди демин басып.

- Анда эмнеге "тынчымды алба" деп жатасың, сөзүңөр бир да?!

- Эмне десең ошо де, мен сени мындан ары тааныбайм дагы, эгер дагы бирдеме десең үйдү да бошот. Баланы алып калып өзүңдү айдап жиберем!.

Артык жиндене чыгып кетти. Анаркүл үндөбөй ыйлаган бойдон кала берди. Ал баласын төрөгөндөн бери эптеп андан акча өндүргүсү келип жүргөн, жашагысы келбей арам оюн ишке ашырмак болуп паспортун сураган эле. Болдуканды алдайм деп ойлоп алданып калганын сезди. Артыктан коркуп калды: "Ырас эле, үйдөн чыгарып баламды алып туруп өзүмдү кетирип ийиши мүмкүн, анын колунан келет. Андан көрө үстүмдө үйүм, үй толгон дүнүйөнү кармап баламды багып жашай берейин" деген ойдо болду, бирок ага да чыдай албай Болдуканга чалды.

- Ало, ало, эже!

- Ким бул? - Болдукан үнүнөн таанып турса да билмексен болду.

- Мен Анаркүлмүн...

- Аа-а, эмне болду?

- Эже, үйүңүздүн дарегин айтсаңыз, барып жолугайын.

- Үйгө келгенге болбойт!

- Анда акыркы жолу бир келе аласызбы кечээги жерге?

- Убакыт жок!

- Эже суранам.

- Деги, менден каалаганың эмне? Күйөөмдү койнуңа салып бергеним өзүмө азап болду го, кана качан келесиң?

- Азыр.

- Болуптур, - трубканы коюп: "Айласы кетип калган экен, эми эмне дээр экенсиң" деген ойдо ордунан турду.

Ал келгенде Анаркүл келе элек экен. Анан анын келатканын көрүп жанына басып барды:

- Айтаар сөзүңдү тезирээк айт, менин жумушум калып калды.

- Эже, кечээ сиз менен ичип отурбадым беле, анан үйгө ким жеткирди?

- Сен сураба, мен айтпайын! Ичкенден кийин мас болуп алып: "Күйөөмдү кайтарып бер, балама атасынын байлыгынан сөзсүз беришиңер керек, балдарынын катарында бөлүшүңөр керек!" деп бакырып уят кылдың, мен сени таксиге салып ийгемин, - деп калп айтып атты, - "Казы-картасын артаарсың, азабын акыры тартаарсың" деген чын тура, силердин азабыңарды мен тарта турган болдум, деги мени тынч койосуңарбы?

- Мени кечириңиз, Артыкка айтып балама күбөлүк алып берсеңер эле болду, анан кайрылбайм, - Анаркүл жалдырай карады, - Балага карасын, жок дегенде.

- Ой аны мен канча күндөн бери көрө элекмин, анын кайда жүргөнүн билбейм. Койнуңа салып бергенди эптей албасаң өзүңдөн көр, экинчи мага чалба!.

Болдукан басып кеткенде Анаркүл делдейе мостойгон бойдон кала берди: "Бүттү, баары бүттү, эчтекеден эчтеке жок калдым! Мурда неге ойлонбодум? Ажырашмайынча болбойт тура, аялы момун, кең пейил көрүнүп алып жеткен куу турбайбы. Анда мен сотко кайрылып көрсөмбү? Ага күбөлөрүм да жок, же шоопурду көргөн эмесмин. Кандай кылсам экен, үйдү сатып ийип айылга кетип калсамбы? Башка баласы болбосо бир жөн, муну ойлоп да койбойт", деп аргасы кетип үйүн көздөй жөнөдү.

Артык Анаркүлгө жини келе көңүлү калып жүргөндө анын дырдай жылаңач мас болуп жатканы ого бетер суутту. Баштагысындай үйүнө убагында келип кете баштады. Бирок Болдуканга сүйлөгөндөн тартынабы же сүйлөгүсү келбейби, жанында отуруп кайсактап кайра оозун таптап тим болот. Бүгүн да унчукпай отурганда Болдукан:

- Анаркүл менен таарынышып кеттиңби? - деди сынай.

- Биротоло таштадым Болдукан, мени кечир, жаңылдым... - Артык аялына астыртан көз кыйыгын жиберип эмне дээр экен деп кулак түрө калды.

- Бала эмне болот, ортодо балага жаман болот го? Ажырашалы, сен биротоло ЗАГСка туруп жашашың керек аны менен.

- Эмне дейсиң?

- Ошентпесең болбойт, балаңды аяшың керек. Алтынкүл жаш, сен таштап кетсең ал эмеле бирөөнү таап алат, бала кор болуп калат, - Сынай карап сөз күтүп атты.

- Жок, кудайга шүгүр ЗАГСка турбаганыма, Алтынкүлдү эми желкемдин чуңкуру көрсүн, - Артык күңкүлдөй айтты, - Баса, аны менен эмнеге жолугуп жүрөсүң?

- Ыйлап жолугушумду суранып жатса эмне кылам?

- Эмне дейт анан?

- "Балама балдарыңар катары энчи беришиңер керек" дейт, сенин паспортуңду сурайт.

- Аны эмне кылат экен?

- Күбөлүк алганга керек экен.

- Акмак, жаш туруп ушунча куу болгонун кантесиң. Документтердин бирин карматпа, андай эле күч келсе баланы берип каалаган жагына кете берсин! - Ачуусу келе ордунан туруп ары-бери басып атты.

- Бере коймок беле, андан көрө анын айтканын кылганың туурадыр?

- Жок дедимби, жок! - Артык кыйкырып жиберди, - мен ага жаш жигит эмесмин!

- Өзүң бил. Ал менден көрүп жатат, кайра-кайра телефон чала берип тажатты...

- Албай кой, башыңды оорутуп эмне кыласың, - ойлуу бети ачылып сүйлөшүп калганга анын жанына отуруп колунан кармай, - Бопуш, мени кечир, жашоону кайрадан баштайлы, өткөндү унуталы... . - деди.

- Артык, эмне болуп турасың, бала болуп кетесиңби? Жарым жылдан ашып кетти, арабыз алыстады...

- Эчтеке болбойт, Бопуш, - Артык ушул кезде ага жага турган кандай жакшы сөздөрдү арнаарын билбей турду, - Биздин балдар бар, чоңоюп калышты. Сага кантип ыраазычылыгымды билдирээримди билбей турам, сенден башка аял болсо ата-энемдердин баарына чуу кылып жарыя кылмак. Ал үчүн парбилетимден айрылып, сөгүш алып, кызматымдан ылдыйламакмын, айкөлүм менин... .

Бооруна кыса кучактаарда Болдукан аны аста гана түртүп бошонуп ары жылды:

- Мунуң жарабайт Артык, мен сени сыйлайм, кадырыңды билем, сен жакшы адамсың, бирок ортодон убакыт өттү. Болуп өткөн окуя оюнчук эмес, ошон үчүн бир иштин аягына чыгып, бир чечимге келмейин экөөбүз жакындаша албайбыз.

- Макул анда, өзүң эле бил, мен сени кыйнап койдум, - Артык унчукпай ички үйгө кирип кетти.

Болдукан өзүнчө мыйыгынан жылмайып алды: "Жаш аял алгандын азабы ошондой, көңүлүңдү калтырган экен" деп ойлоп өзү конок бөлмөгө кирип диванга жатып алды...

Бирок жашоо сыдыргыга салгандай түптүз сызык менен сызылгандай өтө бермек беле, ой чуңкуру, адыр түзү бар, тайгаланып жыгылсаң ордуна кайра келиш кыйын. Артык чынында берилип жашап жаткан, бир күнү жумушунан келсе Анаркүл уктап жатыптыр, анын келгенин көрүп ойгонуп тура калды:

- Келдиңби?

- Ооба, келдим, кандай ал-абал? - Артык аны жаткан жеринен эле уйпалай эркелетип өпкүлөп жатып калды, - Алтыным менин, эркем, уулум кандай, уктап жатабы?

- Ооба, сен мени ошончолук жакшы көрсөң бир сөзүмдү аткарат элең го? - деп таарына ары карады.

- Кана айтчы, эмне десең аткарайын, айт?

- Эгер мени менен биротоло каламын десең экинчи балдарыңды оозанба, ансыз да чоңоюп калыптыр. Менин төрөгөн балама күбөлүк алып, ЗАГСка тур!

- Анаш, ЗАГСка го турам, "балдарыңды оозанба" дегениң кандай? Аларды таштап койо албайм да.

- Таштайсың, үч шартымды аткарасың, биринчиси - ажырашып мени менен никеге турасың, экинчиси - балдарыңды карабайсың, үчүнчүсү, - Анаркүл сөөмөйүн чычайта аны карап, - ата-энеңдин алдына алып барасың! - деди.

- Эмне дедиң, балдарымда каратпай койгонго кандай акың бар? - Артык аны таңгалгандай карап, жини келе түштү, - Эч качан андай болбойт, азыр ажыраша албайм, сени менен азырынча жашап турганым жетет, балага шашпай күбөлүк алабыз.

Артык анын сөзүнө кенебей чечинип жатып алганда Анаркүл жинденип, өкүрүп-бакырып ыйлап кирди:

- Анда мени жөн эле алдап жашап жүргөн экенсиң да?! Мен арызданам, соттотом сени, төрөтүп алып шылдың кылганың үчүн!

- Билгениңди кыл!.

Ошол күнү ал үйдөн чыгып кетип кайра киргиси келбей басып жүрө берди: "Бул мени тез эле ажыраштырып өзүнө менчиктеп алгысы келет тура. Бир ушул деп балдарымды таштап, турмушумдан айрылып, жолдо калышым керек экен да" деп кыжаалат болуп жүрүп түн ортосунда кирип креслого отуруп уктап, эртеси эрте туруп кетти. Анаркүл менен жашаган алты айдын ичинде Артыкты аерден бир адам көргөн эмес, анткени ал кеч келип, эрте кетчү, кээде жумалап борборго же совхоз, колхоздорду кыдырып кеткенде келбей да калчу. Андай күндөрү Анаркүл аны такып, кайда барып, кайда жүргөнүн сурап таарынып, коркутуп, акыры ыйлап басылчу. Аялдын баары бирдей болбосун сезген Артык: "Бекер кылган экемин, "боюмда бар" дегенден кийин такыр келбей койсом болмок экен" деп ойлонуп көңүлү сууп, кетип калган күндөрү көп болгон. Азыр жатып алып ушуларды ойлонуп жатты.

Болдукан Анаркүлдү дырдай жылаңач кылып тартып алган сүрөтүн анын өзүнө атайылап башка бирөөдөн берип жиберди. Алакандай кагазга кат жазып туруп конвертке салды да:

- Ушул катты Анаркүл деген экинчи кабатта жашаган келинге алып барып бер, - деди да, таксини айдатып дароо кетип калды.

Эшикти такылдатканда Анаркүл сүйүнө чыга калды, оюнда Артыкты келип калдыбы деп ойлогон эле:

- Ким?

- Кат беришти... - дегенди угуп, Анаркүл конвертти ала коюп, башка эчтеке деп сураганга үлгүрбөй дароо эшигин жаап үйүнө кирип кетти.

Конвертти ачып эле оозу ачылып калды - өзү менен бир эркектин дырдай жылаңач бирге жатышкан сүрөтүн жалдырай карап туруп, катты ачып караса: "Үйдү бошотуп, ал жерден жогол. Ал үйдүн документи менде, сага тиешеси да жок. Эгер айтканыма көнбөсөң бул сүрөтүң менен шерменде болосуң, гезиттерге сенин сойкулук кылаарыңды жарыя кылам. Тезинен үйдү бошотуп бул жерден жогол!" деп жазылган баракты колдору калтырай кармап, нес болуп туруп калды: "Чын эле үйдүн документин сурап дагы койгон эмес экемин" деп аргасы кетип буркурап ыйлап жатты.

А чынында бул үйдүн эч нерсеси жок эле. Артык аны сатып алганда орус кемпир өлүп калган экен, кызы ага мурунку документтерин берип, сатканын күбөлөндүрүп берген, ошол бойдон ал кагаздар Артыктын колунда.

"Бул иш Болдукандын эле колунан келди, өткөндө мас кылып коюп, мени... . - өзүнчө жыйрылып алды, - кайсы эркек, ким болду экен? Эгер тааныса көргөндө шылдыңдап күлүп жүргөндүр. Ай кудай ай, эми эмне кылам? Балам али жаш, атамдарга күйөөгө тийгенимди айтпай бала көтөрүп барсам эмне дешет?" деп томсоро отура берди. Эмне кылаарын билбей телмирип отурганда баласы ыйлап калды, аны которуп, эмизип жаткызды: "Акылым жок арсызмын, колума келген адамды качырам, эмнеге "балдарыңа караба" дедим экен? Эгер мени "ушул наристеңди жогот, көргүм келбейт" десе макул болот белем? Жо-ок, мен андайга бармак эмесмин! Башканы өзүмдөй көрбөгөнүмдү кара" деп ойлонуп отуруп, Артыктын телефонуна чалып сүйлөшмөк болду. Кайра-кайра чалса да албады: "ал жок болсо керек" деп ойлоду да кечке чейин ага чала берди. Ал күнү Артык кабинетинде жок болду. Эртеси эрте чалса алды:

- Ало, ало, Артык! - Анаркүл шаша сүйлөдү.

- Угуп жатам, ким экен...

- Мен Анаркүлмүн, кудай жалгагыр, бир жолугуп кет, менин сени менен сүйлөшө турган жумушум бар!

- Жок, мен эч кимди тааныбайм, экинчи чалба! - Артык трубканы коюп койду эле кайра шыңгырады.

- Ало, Артык, суранам сенден, жолугуп эле кетсең...

- Болуптур, жумуштан кийин, - деп кайра коюп койду, чарчагандай шалдырап отуруп калды: "Дагы эмне дегени калды, буга кайдан жолуктум эле, эмнеге башымды оорутуп ага үйлөнөм дедим экен? Жакшы аялдын жанымда турганын көрбөй алыстан издегенимди кара, эми ишиме тоскоолдук кылбаса болду" деген ойдо болду. Бара турган жумушун токтотуп Анаркүл менен мамилесин так үзмөк болуп секретарь кызга:

- Бүгүн зарыл иштерим чыгып калды, сурагандарга "эртең болот" деп кой, - деп кабинетин кулптап чыгып баратканда:

- Сизди райондо өтчү жыйынга чакырып жатышат, - деп калды.

- Качанкыга?

- Эртең саат тогузда өтөт экен, малдардын кырылып өлүп жатканы тууралуу.

- Барам, түндөп жолго чыгам, - деп коюп чыгып кетти.

Артык келгенде Анаркүл тамак даярдап күтүп жаткан, ал ашканасында жүргөндө стол үстүндө турган китепти ачып карап жатканда ичиндеги сүрөт жерге түшүп, аны эңкейип ала койду. Анаркүлдүн бет ороюн даана көрсөтүп, эркек адам анын үстүндө жылаңач жаткан сүрөттү карап туруп калганда Анаркүл кирип келатып эле турган ордунда катып калды.

- Мен... мен түшүндүрөм... - деп кайсалактай чайнекти жерге койо коюп жанына жетип барды, - Туура түшүн, бул, бул жөн эле атайылап жасалган иш!

- Эмне, сен сүйлөгөн сөздүн баары чындыкпы?

- Туура түшүн, мындай болгон эмес, - Анаркүл ыйламсырап турганда Артык сүрөттү коюп койду да ага жылмая карады. Анын бул жылмайышында ага кыжыры келгени көрүнүп турган.

- Эмнеге актанып жатасың? Убактым жок менин азыр, эртерээк айт, айтаар сөзүңдү!

- Менин акыркы өтүнүчүм, балам менен үйдөн чыгып кайда барам? үйдү мага калтыр, башка айтаарым жок!

- Сенден үйдү ким талашып жатат? - Артык ага түшүнбөгөндөй карады, - Бул үйдү балам үчүн бердим.

- Андай болсо үйдү мага жаздырып, биротоло башын ачып беришиңди сурайм.

- Ачыгыңды айтчы, бул үйдү ким талашты? - дегенде Анаркүл катты колуна карматты, - Муну ким берди?

- Бирөөдөн бериптир, кимден ким бергенин билбейм, - Анаркүл Артыктан кандай сөз чыгаарын күтүп чыдамы кетип турду.

- Кам санаба, үй сеники. Башка чалып менин тынчымды ала бербе, акыркы жолугушканыбыз ушул болсун!.

Артык төрдө жаткан наристеге келип колуна алып өөп, ороосуна акча кыстарды да чыгып кетти. Анаркүл андан сөз күттү эле, бирок андан үн чыкпады, ызаланып ыйлап алды: "Бекер кылдым, өзүм көңүлүн калтырдым. Башка салганын көрөөрмүн. Айла канча, чыдасам баары болот эле да, эмнеге шаштым?" деп буркурап ыйлап, баласы ыйлаганына карабай жата берди. Көптөн кийин гана, баласы катуулап басылбай калганда туруп алып кургактап жаткырды. Ошол убакта чоң ороонун ичинен акчанын чыгып турганын көрүп ала койсо беш миң сом экен, сүйүнүп кетти: "баласын жакшы карасын деген экен, кой унчукпай жашай берсем карабай коймок беле" деп өзүн өзү сооротуп отура берди. Ал ошентип өз жашоосундагы болуп жаткан окуянын кандай бүтөөрүнө көзү жетпей жашап калды.

Артык үйүнө келип Болдукан менен сүйлөшкүсү келди, бирок ал ага жол бербеди, акыры аяк-быягына чыгып жатып эптеп сөзгө келгенде:

- Болдукан, эми баарын унут, жашоону кайра баштайлы, мен таңга маал районго жөнөп жатам, райондордо малдын өлүмү көп катталып, ошол боюнча чогулуш өткөрмөкпүз, - деди.

- Барсаң барып кел, үч-төрт күндөн кийин Асылбектер келет, куда-кудагыйлар себин алып келишет экен.

- Келсе тозобуз, келин жакшы болсо кудаларды сыйлабаганда кантет элек, кел эми табышалы, - деп сөздү башка жакка бура кучагын жайды.

- Эсиңде болсун секет, сен башка аял менен жашап келдиң, демек кайра нике кыйдырышыбыз керек! - Болдукан күйөөсүнө кылыктана күлүп койду.

- Койчу эми, аны менен жашаганда никесиз жашадым, нике кыйдырабыз деп эми кимге уят болмок элек?

- Болбойт, баары бир экөөбүз чогуу жатканга болбойт, - ал ого бетер наздана андан боюн ала качты, - Молдо чакырып анан ырымын жасаталы, чыда эми.

Болдукан борсулдап күлүп сырткы бөлмөгө чыгып кетти. Артык өзүнчө жылмайып алды: "Оңой катын эмес, Анаркүлдү өйдө карагыс кылыптыр. Ал өзү жакшы болсо бул барбайт эле, өзү мунун ачуусуна тийип койгондур", деп ойлоп жатып эс алмак болду.

Болдукан ошол кезде капысынан өзүнө жаккан бир адамга жолугуп, күйөөсүнө карагысы да келбей калган эле: "Неге шашып кеттим? Анаркүлдүн айтканы менен бол деп, ата-энесин чакыртып ушул үйгө киргизип, балдарды түшүндүрүп коюп чыгып кетсем болмок экен" деп өкүнүп турду азыр.

Анын ал адамга жолугуп калганынын да бир өзүнчө сыры бар. Көптөн бери коңшу аял менен кээде жолугуп кобурашып кала турган. Ал Болдуканды бир күнү үйүнө чакырып калды, абдан жакшы турушат экен, өзү курдуу толмочунан келген Алиякан аны конок бөлмөсүнө киргизип сыйлап атты. Күйөөсү мал доктур болчу. Экөө отурганда күйөөсү Тайыр бир салабаттуу адам менен келип калды. Чогуу бир дасторкондо отуруп сүйлөшүп отуруп Болдукандын күйөөсү Артык Салиевич экенин билгенде экөө тең аны карай:

- Оой, Артык Салиевич азыр алты-жети районду кычырата кармап турат, андай адамдын келинчегин сыйлай албасак анда болбой калбайбы, - Тайыр аялына кайрадан тамак астырып, түрдүү суусундук менен импорт арактарды алдырып, кетейин дегенине көнбөй отургузуп койду.

- Атыңыз ким, чоң келин? - деди салабаттуу адам саал жылмая ага карап, - Таанышып алсак чеки болбостур дейм!

- Болдукан, - Болдукан дагы ага жооп кылып күлүмсүрөй атын айтты.

- Сатаров Эмилбек Бейшеналиевич, - деп тиги киши колун кыса карап койду, - Мына эми биз таанышпыз, ээн эркин сүйлөшүп отурсак болот. Балдар барбы, Болдукан?

- Ооба, беш балабыз бар, улуусу үйлөнгөн.

- Жакшы экен, - Эмилбек ойлуу жанындагы келинге кыйгачынан көз кырын салып отуруп калды, - Артык Салиевич абдан жакшы адам, өз ишин так аткарып, кадыр-баркы күчтүү...

- Рахмат!

- Кыргызда бир таамай сөз бар: "Жакшыны жакшы, бакшыны бакшы деп айтыш керек" деген, мен ал кишинин алдына кире элекмин, бирок көргөндөр "талапты койо билет" деп көп айтышат.

- Сиз дагы ушул жерденсизби?

- Жоок, мен Толук совхозунанмын.

- Аа-а, абдан алыс жакта турбайсызбы?.

Болдукан минткенде Эмилбек азилге айлантып ийди.

- Алыс эмес, кокус көңүлдөр табышып калса алысты жакын кыла коюш текейден арзан, - деп күлүп койду.

- Оо, Эмилбек алыс жерден келгиси келсе токойдон тал кесип самолёт жасай койот, - Тайыр да тамашалай күлүп калды.

- Ой жоок, мен тоолуу райондордун алыстыгын эле айтып жатам, - Болдукан жылмая уялгандай түр көрсөттү.

Ошол күнү ал терисине батпай сүйүнүп, өзүнчө эле кубанып жүрдү: "Артык мени сүйбөйт, сүйгөн да эмес. Эгер бул кишинин көңүлү болсо жүрүп алам, ак жүрүп, таза болуп эмне таптым? Абдан тамашакөй, жылдыздуу адам экен" деген ойдо жандүйнөсү дүрбөлөңгө түшүп, муштумдай кызыл эт жүрөгү адаттан сырткары дүбүртү таш жарган аттай туйлап жатты: "Мурда-кийин мындай абалда болгон эмес элем го, эмнеге жүрөгүм лакылдайт, же отуздан өткөндө да сүйүү келеби, кокус чындап сүйүп калсамчы, анда эле канттим, балдарым кандай абалда калат, мен сүйгөн менен ал сүйбөсөчү?" деп өзүнчө санаага батып жүрдү.

Көп өтпөй эле бир күнү Алиякан аны чакырып калды. Келсе Эмилбек бар экен, аны көргөндө жүрөгү жаш кулундай туйлап кетти: "Кудай ай, бул эмне деген сырың? Артык угуп калса эмне болот, мунун менде көңүлү бар окшойт, болбосо чакырбайт эле" деп ызаат кыла баш ийкей отуруп калганда:

- Кандай ал-абал, бала-чака тынчпы? - деп Эмилбек ага кунт койо карап калды.

- Жакшы, өзүңүз кандай жүрөсүз? - деп Болдукан жооп берип анан, - Алиякан, менин жумуштарым бар эле, кетпесем болбойт, - деп коңшусун карады.

- Кой эми, мен бүгүн бир жакшылап отурсакпы деп эле чакыргамын сени, Эмилбектин келээрин деле билген эмесмин, отура тур, - Алиякан сыртка чыгып кетти.

- Болдукан, бир аз отур, сүйлөшүп отуралы. Билем, сен чоң күйөөңдү сөзгө калтыргың келбейт, бирок адамдар менен адамча сүйлөшүп отуруу кадыр-баркты түшүрбөсө керек? - Эмилбек аны сынагандай карады.

- Эгер сиздин аялыңыз сиз жокто бөтөн эркек менен отурганын билсеңиз, кандай абалда калаар элеңиз?

- Тилекке каршы аялым жок, бойдокмун. Эгер болсо анын адамдар менен мамилелеш болуусуна каршы болмок эмесмин.

- Кечиресиз, аялыңыз менен ажырашып кеткенсизби?

- Жо-ок, аллага керек экен, үч жыл мурун мени үч бала менен таштап кеткен.

- Кечириңиз, ооруңузду козгоп койгонума, - Болдукан ыңгайсыз абалда калды.

- Эч нерсе эмес, - Эмилбек ойлуу отуруп калды.

- Балдарыңыз үйлөнүп-жайланып калгандыр?

- Жо-ок, улуусу быйыл мектепти бүтөт, кичүүсү араң эле үчүнчү класста окуйт.

- Жаш калышкан экен, ооруду беле? - Болдукан кызыга сурады.

- Ооруп жүргөн, жакшы эле дарылаттым, сакайып кете албады.. Болдукан, эгер туура көрсөң бир жерге барып көңүл ачып келбейлиби? - Эмилбек бирөө укпасын дегендей акырын айтканда Болдукан чоочуп кетти.

- Жок, кадырыңыз жан болсун, - Ал каршы экенин билдире кабак бүркөй унчукту.

- Көңүлүмдү оорутпаңыз, сизге көңүл кушум тартып туруп алды. Макул десеңиз эч ким билбегендей жерге алып барып эс алдырам, бирге эс алалы, - деп Эмилбек эми анын колунан кармай калды, - Суранам сизден?!

- Кызык адам экенсиз, күйөөсү жок аялдарга айтсаңыз болмок мындай сөздү.

- Адам көңүлү келбеген адамга сөз коротпойт, мен сизди жактырып калдым Болдукан. Жок дебе, жөн эле эс алып келеличи.

- Ойлонойун. Артык билип калса турмушумдун таш талканы чыгат. Балдарым чоңойгондо жек көрүндү болгум келбейт. Мен барайын, кишинин шагын сындыруу өтө кыйын дечи, ал үчүн мени кечириңиз! - Болдукан туруп баратканда Алиякан табак толо куурдак көтөрүп кирип келаткан эле:

- Болдукан, бир аз отура тур эми, мен сени жаман ой менен чакырган эмес элем, кечээ бирөөлөр тартуу кылып кийиктин этин бүтүн алып келген экен, ошондон ооз тийгизейин деп эле... - Дасторкондун ортосуна коюп ирээти менен күмүш кашыктарды четине жайгаштырып, анан койкойгон бөтөлкөнү ачып стакандарга куюп алдыларына коюп жатканда Тайыр келди. Көпкө чейин бабырашып отуруп, Болдукан үйүнө кызуу кайтты...

***

Карлыгач баласы чоңойгончо аргасыз үйдө болуп жатты. үч айдан өтүп калганда Эрниске барып жолукту. Ал дагы аны сүйүп калган, экөө эч нерседен кайтпаска даяр эле. Бирок алардын жолугуп жүргөнүн Нуржанат угуп, аларды аңдый баштады: "Аныгына жетсем экөөнүн бирин өлтүрөм" деп кекенип алган. Бирок ичи-жигин биле албай кыжаалат. Карлыгач эчтеке билгизбей астына ашын коюп, кийимин таза жууп, камкор аял катары сырын ичине жашырып зымыраят. Экөө өз ойлору менен алышып, бир-бирин аңдыган мышык-чычкан өңдүү жүргөндө Карлыгачтын үйлөнө элек бир тууган агасы шаарда окуп жүрүп, келинчек алып келип калды. Үйлөнө элек ошол эле калган. Адилеттин сүйлөшкөн кызы Карлыгачтын курбусу Нурияга үйлөнгөнүн угуп сүйүнүп жетип барды. Адилет мугалимдик окууда окуп жүргөн. Нурия экөө ошол жактан таанышып алып, үйлөнүү үчүн телеграмма жөнөтүп анан достору менен келишкен. Нурияны көрүп эле Карлыгач кучактап калды.

- Нурия, кандайсың курбум? Мага жеңе болушуңду куттуктайм! - деп эки бетинен өөп учурашып калды.

- Өзүң кандайсың Карлыгач, балдарың чоңоюп жатабы?

- Жакшы, чоңоюп атышат. Ким ойлоптур, сенин бир тууган жеңем болуп калаарыңды? Кызык, жашоо ушундай болот тура, билинбей өтө берет экен... - Карлыгач ойлуу курбусун кучактап муңайып алды, - Нурия, сен акемди сүйөсүң да, ээ?

- Эмне деп атасың Карлыгач, кишини уялтпачы, - Нурия жоолугун ылдый кыла жер карады.

- Ма-акул, иши кылып бактылуу болгула! - деп сырттан келин көргөнү кирип келгендерге жол бошотуп мындай боло берди.

Келиндин ызаат-сыйы, келген-кеткени болуп бир жумага созулду. Алар аз күндөн кийин кайра эле кетишмек.

Бул убакта Карлыгач Эрнис менен эки күндө бир жолугуп жүрдү. Ошол күнү дагы кашарды көздөй баласын көтөрүп алып кетип баратканда алдынан Нуржанат менен чогуу иштеген Марат жолугуп калды, айылдан чыга элек эле.

- Аяш, кайдан? - деп калды ал.

- Мм, - Карлыгач сөз табалбай калганда ал андан жөн гана сурап койду:

- Ушул жакта бүбү кемпир бар эле, балаңды көргөзгөнү бараткансың го?

- Ооба, - деп Карлыгач жер карап туруп калды.

Ошентип ал күнү Эрнис күтүп-күтүп аргасыз кетти, Карлыгач барбады. Эртеси анын жашаган үйүндөгү отуздарга келсе да үйлөнбөй жүргөн Садырбек Карлыгачка келип кат берип:

- Эгер барсаңыз менин артымдан жүрүңүз, сөзсүз жолугушуң керек, - деп коюп басып кетти да, жол боюнда күтүп турду.

Карлыгач катты ачып окуса: "Карлыгач, сагынып кеттим, жаным! Жакында иштен чыгам да, сени биерден алып кетем, азыр мага сөзсүз жолугушуң керек" деп жазылган экен.

Түш ооп, саат үчтөрдөн өтүп калган. Карлыгач кийинип алды да жаңы эле жууган чачын экиге бөлүп өрүп артына таштап койуп, баласын көтөрүп үйдөн чыкты. Анын чыкканын көргөн Садырбек астыга кетип баратты, алардын ортолору эч ким байкабагандай бир топ алыс эле. Болжогон жерине жетип көрсөткөн бөлмөнүн эшигин ачып кирип келди эле, Эрнис аны кучактап калды:

- Жаркыным менин! Көрбөсөм куса болуп кетчү болдум, канткенде биригебиз, айтчы? - деп кучагынан чыгарбай көпкө турду.

- Мен дагы сени көрбөсөм жаман болом! Кандай кылаарымды билбей калдым, - Карлыгач баласын төшөккө жаткырып коюп Эрнисти кучактап туруп, - Сен чеч. Кандай чечсең ошого макулмун. Нуржанат менен өткөн үч жылдык өмүрүм тозок менен өткөрүп келатам, тагдырым сенин колуңда, Эрнис!

- Ардагым, асылым менин, сени мага жолуктурган тагдырыма ыраазымын. Биз бирге болобуз, кемпир-чал болуп экөөбүз неберелерибизди жетелеп бактылуу карылардай бирге жүрөбүз... Ошондо Карлыгач ага:

Ынагымды бир көрбөсөм күнүгө,

Жалгызсырап, жүрөк куса сүйүүгө.

Жан дүйнөмдүн ооруганын сезбеген,

Туш болдум го сокур көөдөн бирөөгө!

деген ыр саптарын арнап окуп берди.

- Ушунчалык жумшак, сезимди делбиреткен ырлар сенин жүрөгүңдөн чыкканына төбөм көккө жетип турат, эгер сен окусаң бирдеме чыгат!.

Эрнис аны кучактап алып жан алы калбай өпкүлөп жатты.

- Кеч болуп кетти Эрнис, менин үйгө кайтып баргым келбейт, таптакыр көргүм келбейт, мени биерден алып кетчи! Кайда болсо дагы алып кет, сени менен бирге болушум керек!

- Шашпа, мен өзүм дагы сени алып кетүүгө камынып жатам, эртең түштөн кийин ушул үйгө кел, сүйлөшөбүз, макулбу?

- Сөзсүз келем, - Карлыгач уулун көтөрүп алып жөнөмөк болуп экөө ажырашалбай көпкө өбүшүп туруп, анан шашып чыгып кетти.

Эрнис аны аргасыз жөнөтүп отуруп калды. Ошондон баштап экөө күндө ошол үйдөн жолугуп жүрүп, бир күнү кеч калып калды. Келсе Нуржанат үйдө экен, аялын көрүп эле:

- Кайда жүрөсүң? Же кетип калбай же биротоло адам катары жашабай кыйнап бүттүң. Ушундайда кетип кал, Карлыгач, ата-энеңдикине кет. өз тагдырыңды өзүң чеч, ачуум менен сени өлтүрүп алып жүрбөйүн, - деп басып кетти.

Карлыгач эмне дээрин билбей туруп калды эле баласы ыйлаганда гана эсине келип үйгө кирди, баласынын эмчек эме элегин эми ойлоду. Нуржанат көптөн бери ичип жүргөн, эч ким менен сүйлөшпөйт, ичип алып тракторун айдап жүрүп эки-үч жолу чуңкурга түшүп кетип зорго сүйрөтүп чыгып оңдогон эле. Анын ичип жүргөнүн байкаган механиги эскертип да көрдү, болбой эле ичип алып айдаганын токтотподу. Карлыгач баласын эмизип отурганда колуна бөтөлкө көтөрүп кирди.

- Нуржанат, аракты ичпей эле койсоң боло? - Карлыгач аны жөн гана эмне дээр экен деп айтты.

- Эмне-е? Мен аракты ичемби же ичпеймби, сага кызыгы кайсы? Жанагы догдуруң экөөң өз ишиңерди кыла бергиле!

- Койсоңчу, кайдагы ушакты айтпай, - Андан бул сөздү далай жолу уккан Карлыгач кебелип койбоду, - Сен өзүң эле шекий бересиң.

- Уша-ак.. Калп.. Ушакпы ушул? Сенин Эрнис менен жашырынып жолугуп жүргөнүңөр жалганбы? Сен мени антип алдаганыңды токтот! - Жинденген Нуржанат арактан куйуп ичип жиберип анын жанына келди, - Менин сүйүүм жетим калды, жообу жок армандуу сүйүүм үчүн ичип жатам. А сен жеңдиң, сүйүүңдү таптың! - Башын ары буруп муштуму менен жерди бир урду да, - Сен бактылуусуңбу, ушуну айтчы?! - деди көздөрүнө тикчийе карап.

Тилин жутуп алгансып Карлыгач унчуга албай тура берди. Ойунда аны "билбейт, ушакка эле жинденип жүрөт" деп жүргөн, бул сөздөрдү угуп жүрөгү ачышып миң жеринен тилингендей зыркырап кетти: "Мен чын эле акылсыз окшойм, неге ушунчалык таш боор, мерезмин?" деп өзүн өзү жектеп алып, Эрнисти көз алдына келтиргенде кайра үмүтү жанып аны менен жакында түбөлүккө бирге болоорун эстегенде көңүлү жайлана: "Акыры ушинтип жүрүп көнөт да" деп алаксыганы тамак жасоого киришти.

Нуржанат ошондон тартып ичкенин көбөйттү, ата-энеси тилдесе да, жакшы айтса да болбоду. Карлыгач ичкенин шылтоо кылып ата-энесиникине кетип калды. Анын Эрниске тез-тез жолугуп турушуна толук шарт бар эле. Бекболот менен Азимкан ал кетээри менен артынан барды:

- Балам Нуржанатты ая, анын ичкени акыры калат, сен барбасаң болбойт, - деп Бекболот өзү сөз баштады.

- Ооба айланайын, өз үй, өлөң төшөгүңдөн жылба, ал да акылына келет. Сени аял дейт, ушундай кезде сен жанында болбосоң кандай болот? - Азимкан дагы бир жагынан чыкты.

- Теңтуш элек, жакшы жүрдүк, карыганда балдарыбыз биздин достугубузду ого бетер жакындатат деп куда болдук, силерди ажырашып кетсин дегенден алыспыз, кайрылып барып өз оокатыңды кыла бер, балам, - деп Кармышак кызын карады, - Жаш кезде ичет, кайра таштайт, андан эчтеке болбойт. Эки балаңды жаныңа алып үйүңдө боло бер, биз кабар алып турабыз.

- Бекболот, - деди Күмүш аларды карап, кызынын сырын билип кеп-сөздөрдү уга калып жүргөн эле, - Кечээ эле келди, бир аз күн туруп анан барсын. Биз деле муну атайы алып келип отурган жокпуз, айталы биз дагы.

- Туура, - Азимкан кудагыйынын сөзүн кубаттады, - Турса туруп турсун, өзүбүз Нуржанатты алып кетели үйгө. Экөө эки жакта жүрсө анан издешээр бир бирин.

- Ошондой кылалы, - Бекболот ойлуу кемпирин карады, - Жүрү кемпир, кетели, - дегенде келиндери дасторкон жайып тамагын алып келди, бакылдашып атып анан кетишти.

Карлыгач кайната, кайненесинин көзүнчө чыгып көрүнбөй да койду. Чынында Азимкан келин-уулунун ортосундагы баардык окуяны угуп калган, бирок чалына айткан эмес, бирок ичинен күдүк ойлорду ойлоп Карлыгачка нааразы болуп калган: "Жарыбагырдын сүйгүчүлүн кара, менин баламдан артыкты таба тургансып текеберин айт. Кетсе кете берсин, жапжаш кыз алып берип койом" деген менен, күйөөсүнө унчукпады.

Карлыгач Нурияга баласын таштап койуп Эрниске жолугуп кеч келди. Күмүш эч нерсе билбеди, анткени ал эрте эле төмөнкү айылга тойго кеткен. Арадан он күн өткөндө Азимкан өзү келип Күмүш менен көпкө сүйлөштү, экөө бир сөзгө келе албай атты, акыры алар таарыныша кетип, Азимкан кетип баратып:

- Кызыңдын абийирин ачып үстүнөн чыгарамын, балам ушунун гана айынан ичип атат. "Жакшы аял жаман күйөөнү эр кылат, жаман аял жакшы күйөөсүн жер кылат" деп, Карлыгач Нуржанатты жаман кылып койду.

- Азимкан, балдардын турмушуна кийлигишпейли, өздөрү чечип алат, биз жөн гана себепчибиз. Бири бирин жактырбаса айлабыз жок да.

Күмүш күнөөлүдөй күңк этип кала берди: "Туура айтат, ачуу сөз сөөккө жетти, укпаганга аргам жок, ичтен чыккан ийри жыланды калкалайм деп жүрүп кандай күндө калаар экемин?" деп ойлуу кызы отурган бөлмөгө кирди. Келини экөө сүйлөшүп отурган экен, Карлыгач тура калды:

- Апа, эмне дейт?

- Эмне демек эле...

Күмүш кызына нааразы боло отуруп атканда Нурия чыгып кетти, эне-баланын сөзүнө тоскоол болгусу келбеди. Анткени Карлыгач Эрнис менен болгон мамилесин, ал экөөнүн сүйүүсүн айтып берген.

- Айтпайсызбы, эмне деп кетти? - Карлыгач апасына тике карады, - Баласынын ичкенине мен күнөөлү бекемин? - деп туйтуңдай кеткенде Күмүш аны:

- Отур! - деди катуу, - "Кыз боозуп алып энесин коркутат" болосуң да, анда эмне күнөө? Айылдагы ушакты ал эмес мен да уккам!

- Апа!

- Бас үнүңдү, экинчи ошого жолугат экенсиң, менден жакшылык күтпө. Бүгүн үйүңө барып Нуржанаттан кечирим сурагын да, тынч жашагын!

- Жашамак турсун көрөйүн деген көзүм жок!

- Мени энем десең жашайсың, өзүңдү өзүң билсең азыр кет! Бул эшиктен биротоло кет, өлгөн кызсың анда биз үчүн!

- Болуптур, өлсө өлгөнүм ошол, бирок Эрнистен калбайм!.

Карлыгач кийим-кечесин көтөрүп алып үйдөн чыкмак болгондо Кармышак кирип келди. Аны бир, кемпирин бир карап туруп калганда Күмүш:

- Жөнөй бер, Нуржанат кыйналып калды го? - деп ары карай берди.

Күйөөсүнөн баарын жашырып койду, эч нерсени түшүнбөгөн Кармышак:

- Барса барсын, балдарын көрүп ичпей калаар, - деп койду.

- Үйбүлөсү кашында турса кичине өзүн токтотуп калат да, Денисин да Азимкан алып келип берсе чырылдаган балдарын көрүп кайтарылат да...

Алардын сөзүн уккан Карлыгач эмне кылаарын билбей ички бөлмөдөн чыгып жеңесинин жанына барды да, ботодой боздоп жатты:

- Эмне кылам жеңе, деги кандай кылсам кутулам мындан? "Ажырашам" дегениме булар такыр болбойт, мени эмне кыйнап жатышат, билбейм!

- Кой ыйлай бербе, атамдар укса эмне дейт? Мен эртең шаарга кетем, болбосо жардам берет элем. Адилет "келип кал" деп жатпайбы?

- Мейли, сен кете бер, мен өз тагдырымды өзүм чечем, бул жерден биротоло кетем!.

Карлыгач көз жашын аарчып кийим салган баштыгын алды да, баласын көтөрүп үйүнө жөнөдү: "Эмнеге мени өз ата-энем мынча мага кастыгын кылып жатат? Досу болбосо койсун, мени ошол досум деп жүрүп бактысыз кылды. Эми топурагын түйсө түйүп берсин, баары бир кетем" деп ойлоп кетип жатты. Келип эшигин ачып үйүнө кирсе баары чачылган, томолонуп бөтөлкөлөр жатат, үйдүн ичи бир башкача жытка толуптур. Эшиктерин чоң ачып койуп тазалап кирди. Баласы ойгонбой уктап жатканда ишин бүтүрүп алды. Бул кезде Нуржанат атасынын үйүндө мас болуп жаткан. Ал мас болсо эле: "Сүйүүм калды жоопсуз, таштап кетти өз сүйүүм" деп балдырап атып уктаганын көргөн ата-эне аны аяп бир чечимге келишти:

- Кой, Карлыгачтан баланы алалы да жакшылыкча эле ажыратып койолу. Булар жашай албайт, - Бекболот ушинткенде Азимкан аны туура көрдү.

- Жылмаңдаган өлүгүңдү көрөйүн десе, кетсе кете берсин, балам ошонун айынан ушул абалга келди. Исламды ага бербей алып калалы, - деди.

Экөөнүн сүйлөшкөн сөзүн элдир-селдир кулагы чалган Нуржанат башын көтөрө:

- Жжо-ок, Ккар-рлыгач кет-тпейт, ал кетсе мен өлүп каламы-ын... - деди колун көтөрүп, - Ата, аа-ны-ын үй-дө жж-үргө-өнү ма-ага кк-анда-й гана жакшы ээк-кен-ин ббил-бе-ейсиңер да-а!

- Ооба, ал жүргөндө деле ичип атпайсыңбы? - Азимкан уулун жактыра бербей карады, - Буга катын эмей эле балээ алып берген экенбиз.

- Болду! - Бекболот аялын токтотту да, баласын карады, - Карлыгач келип жашаса ичкениңди токтотосуңбу?

- Ооба, ич-чпе-ейм, - Нуржанат башын ийкей жатып калды.

- Кой, эртең барып Карлыгачты алып кел, дагы жашап көрсүн, - деп Бекболот сөз бүттү дегендей жамбаштап жатып калды.

Күйөөсүнүн сырын билген Азимкан унчукпады: "Ал шүмшүк ушунун жүрөгүн оорутпаса минтпейт эле. Мейли, маңдайга жазганын көрөөр" деген ойдо тим болду. Негедир анын жүрөгү түпөйүлдөнүп бир нерседен чочулагандай болуп туруп алды: "Капырай, эмнеге минтип атат? Балдарым тынч болсо экен, жүрөгүм эле опкоолжуйт да" деп өзүнчө кобуранып эшикке чыкты.

Карлыгач жалгыз отурган. Жол жакты караган терезе тык-тык эткенинен сыртка чыкса Эрнис экен, эки күндөн бери бара албай калган Карлыгачтан кабар алганы келиптир.

- Какиш, деги алың кандай? Көрбөй каламбы деп жаман болуп жетип келдим, эртең кетип жатам, жумушуман чыктым, атамдарга барып камынып койуп кайра келем. Күнбү же түнбү даяр бол! - деп жанталаша өпкүлөп жатты.

- Келесиңби анан? Мен күтө берип азап чегип кусалыктан өлбөйүн, - Карлыгач ага жалжылдай карады.

- Сөзсүз келем, күт жаным! Ата-энеме сени алып барсам кандай гана сүйүнөөр экен, - Эрнис аны көтөрүп барып төргө жаткырды да өзү барып эшикти бекитти.

- Эрнис, акырын сүйлө, жарыкты өчүр. Анан терезени ачып кой, кокус бирөө келсе чыгып кетесиң, - деди Карлыгач.

Экөө түн бир оокумга чейин ырахаттана бир бирине махабат отун тартуулап, бирде кыткылыктаган наздуу күлкү, бирде наздуу шыбыраган өбүшүүнүн добушуна толгон күңүрт үйдүн ичинде бакыт сересине сүйүүдөн куралган шаты менен чыгып жатып, таң аталекте зорго бөлүнүштү.

- Эх чиркин, корунуп жүрбөй ээн-эркин жашаар бекенбиз, ардагым? Сен менин жашоодогу табылгыс бакытым болуп, төрүмдө сүйүүбүздөн жаралган наристелерибизди эмизип отурсаң кандай ырахат! Мен сөзсүз келем, мени күт, жаным, - Эрнис кайра-кайра өпкүлөп жатып араң кетти.

Ал кеткенден кийин Карлыгач денесинин караңгыда аппак болуп турганына өзү суктанып: "Мен ушул акактай ак денемди сүйгөнүмө гана арнагым келет. Колумдан келсе Нуржанаттын колун да тийгизмек эмесмин" деп ойлоп кийимин кийинип алып жуунуп келип жатып уйкуга кирди.

Нуржанат эртең менен эрте туруп кетип калмак болду эле, Бекболот аны токтотту:

- Кайда жөнөдүң?

- Жумушка барбайымбы?

- Жумушка барасыңбы же баш жазганга жөнөдүңбү? - Кыраакы ата уулунун түрүнөн эле сезип койду, - Эгер башың ооруп турса өзүм алып келип берем, бүгүн үйдө жатып эс ал. Карлыгач келсе үйүңөргө барасыңар. Кейпиңди карачы!

- Ичпейм, жумушка кетем!.

Нуржанат атасына мойун бербей эшикке чыгып кетти. Бекболот үндөбөдү, жөн койду да, артынан көрүнбөй акмалай басты. Нуржанат дүкөнгө кайрылбай гаражды көздөй бурулганда гана кайра кайтты. Аны алар дал ошол күнү акыркы жолу көрүп жатканын сезишкен жок.

Бекболот кайтып келатып: "үйдү карай кетейин" деп кайрылса эшик ачык экен. Карлыгач уктап жаткан эле. Босогодон баш багып көрдү да, үйүнө жөнөдү: "Байкуштар, үйүңө бар деп жөнөткөн экен. Бизде эмне күнөө, жашай албаган өздөрүндө да" деп куда-кудагыйларына ичтен ыраазы болуп келсе, Азимкан камыр жууруп жатыптыр.

- Түшүм эле жаман, нан жасап жыт чыгарып койойунчу, - деди күйөөсүн көрүп.

- Мейли, кудай сактасын, кемпир, - деп Бекболот отура кетти, - келиниң үйүндө экен, Кармышак менен Күмүш жөнөткөн экен.

- Келиптирби?

- Ооба, үйдө экен, уктап атыптыр, ойготконум жок.

- Келсе жакшы болуптур, Аиданы жиберчи, чакырып келе калсын.

- Турду беле?

- Тургузуп жөнөт, алар уйкуну жакшы көрөт, азыр тургусу келбейт да, өзүң тургузбасаң болбойт.

- Мейли кемпир, балдар уктай берсин, ойгонсо келинди өзүм чакырып келем.

- Ушу сен дагы кызык кишисиң, уктай берсин десең кечке уктайт алар, - деп Азимкан кейип, кепчип наалып калды.

- Андан көрө камырыңды бүтсөң чай бер, тиги уулуң зорго эле кетти, дагы ичип тойуп ала электе көзөмөлгө алайын.

- Качанкыга ээрчип жүрүп кайтарасың, байкушум? - Азимкан күйөөсүн аяй карады, - Эси болсо ичпес.

- Башы ооруп турган неме бир-эки куйум ичсе эле кайра мас болот да.

Бекболот ойлуу отуруп алып: "Кудайдын колундагы пендебиз да, пешенеге жазганын көрөлү. Түшүм жаман, соо болсо экен, ичкилик анын түбүнө жетпесе болду" деп алды. Кемпир-чал бир бирине айтпаган менен экөө тең күдүк ойдон арыла албай тынчсызданып жатышты. Неберелери ойгонгончо экөө отуруп чай ичишти. Азимкан чалына чоң чыныга сүзмөдөн салып май кошуп нан туурап берди эле, ал аны ичип алып анан келинине жөнөдү.

Карлыгач эшикте жүргөн, кайнатасын көрүп карап калганда:

- Балам, жүрү үйгө, апаң токоч жасайм деп сени алып кел деп жөнөттү, - дегенде ал:

- Азыр, - деп үйгө кирди да баласын көтөрүп чыга калды.

Аны ошол бойдон жибербей койушту. Денис такыр эле Карлыгачты билбей калыптыр, аны өзү да карап имергиси келбеди: "Чоңойо берсин" деген ойдо ага көңүл бурбады. Карлыгач кечке кайненесине жардам берип жумуш жасап жүрүп аябай чарчады. Нуржанатты күтүшсө келген жок. Түн кирип калганда Бекболот үйүнөн барып келбегенин билди да, айласы кетип түнү бойу уктабай чыгышты. Азимкан андан бетер сарсанаага батып атты. Эрте туруп гаражга келип Нуржанатты сурады эле, ал кечээ жумушка чыкпаганын айтышты.

Анын иштебей калганына бир ай болгонун угуп тааныштарынан сураштырып көрдү, көрдүм деген бир адам болбоду. Каңырыгы түтөп көргөн түшүн эстеди, түшүндө үйүнүн жанында эл толуп кетиптир, боз үйдүн уук-керегелери көрүнүп, үстү жабылбай тигилип турат, ичинде өзүнүн атасы менен апасы, дагы эбак өлгөн адамдардын арасында Нуржанат жүрөт. Аны көрүп: "Нуржанат, Нуржанат, бери кел уулум, жүрү үйгө, келин менен балдарың сени күтүп жатпайбы" деп кыйкырса да ал укпагандай отура берди. Толгон элди аралап жетейин дегенде үйдө отургандар Нуржанатты ээрчитип алып кетип жатат, эмелеги жайдак турган боз үй эмес эле ээн талаа көрүндү, анын кыйкырганын эч кимиси укпады, жай каалгып алыстап баратты, "Нуржанат!" деген бойдон ойгонуп кетти.

Ушуларды эстеп, Бекболот өзүнө өзү кайрат берди: "Ал болбой калган экен, балдар-кыздарды чакырайын. Жаман айтпай жакшы жок, эмнеси болсо да... " деп ойлоп үйүнө келди. Арадан эки күн, үч күн өттү, Нуржанаттын дайыны чыкпады. Улуу баласы Токтогул менен Бактыгул, кыздары жетип келишти. Карлыгач өзүн күнөөлүү сезип, жаны тынбай жүгүрүп жүрөт.

- Ушунун баарына сен күнөөлүсүң, "сүйбөйм" деп анын жүрөгүн оорутуп аракка түрттүң, келин албай эле балээ алган экенбиз, - Азимкан аны каарып кирди.

- Койсоңчу апа, жокту баштабай, бир жерде жүргөндүр, келип калаар, - Шааркан апасын тыйып койду.

- Койбойм-этпейм, балам аман-эсен келсе жакшы, кокус бирдеме болсо отургузбайм! - Азимкан бышактап жатты.

Кармышак менен Күмүш дагы ошол жерде улам кабар алып, кошо издешип жатты. Туура бир жума дегенде эртең менен эрте эшигине бир атчан келип токтоду. Утурлай баскан Бекболот менен бир аз сүйлөштү да кетип калды. Ал кетээри менен Бекболот эки баласы, иниси, Кармышак болуп атка минип жөнөп кетишти. Айткан жери эч ким барбаган эски мазар, бир түп долоно, анын түбүнөн жылжып аккан булак бар эле. Нуржанат долононун түбүнө барып жаткан бойдон оо дүйнөгө кеткен экен. Кыязы аябай ичкен түрү бар.

өкүрүп-бакырып заматта алып келип калышты. Тууган уругу бат эле чогулуп үй тигип, жайын алышты. Көпкө туруп калганга үйгө эч кимиси чыдай албай жатты, жыттанып кеткен экен. Азимкан какшанып боздоп ыйлап атып Карлыгачты каргап:

- Баламдын ажалына келген тура бу бейбак, багың байлангыр ээй, багың байлангыр! Жакшылык көрбөй гана ка-ал! - деп бирде эси ооп, бирде эс алып кошуп ыйлап отурганда абысыны аны кайраттантып:

- Кой жеңе, балдары турат, келинде эмне күнөө, көп эле анте бербе, - деди эле ал болбой жанында кара салынып отурган Карлыгачты каргай берди.

- Карадан башың чыкпай кал, эл-журтуңду таппай кал, тийген эриң турбасын, тирүү өлүк болуп куурагын! - дегенде, Күмүш:

- Азимкан, "Жакшы катын башына иш түшсө үнүн созот, жаман катын башына иш түшсө жүнүн созот" болбой эсиң менен болчу. Ушуга чейин жаман-жакшы айтышпай келдик эле, дале мен сага эчтеке дебейм, ушундай күнү сөзүңө сөз кайтарсам душманыбыз тикесинен тик турат. Андай көргүң келбей турса Карлыгачты алып кетейин, - деди ачуусу келе.

- Кой кудагый, жеңем күйүттөн эмне айтканын да билбей калып атат, аялы башында болбосо болбойт, ачууңузду басыңыз, - деп Калиман аны колтуктап алып чыгып кетти.

- Селпилдеген жаш келин болсо бир жөн, ооздон чыккан сөздү кайтарып алыш кыйын, айтуу оңой, - деп ага бир топ кеп айтып экөө сүйлөшүп жатты.

Карлыгач ичинен: "Эрнис келсе алып кетеби же каралуу катын деп албай койобу? Кудай ай, тагдырым тайкы тура" деп ойлонуп санаасы тынбай атты.

Эртеси эле Нуржанатты кайра жерге беришти. Бекболот түнөрүп эч ким менен сүйлөшпөй, эки баласы, неберелери өкүрүп турду. Үчүлүк, жетилигин өткөрүп шаарга кетчүлөрү кетип, калгандары калды. Азимкандын Карлыгачты көрөйүн деген көзү жок болуп калды, анын сүйлөнө бергенин кыздары, балдары баш болуп тыйып койду. Ошентсе да күбүрөнүп каргап нааразы болгон менен, кыркына чейин тим коймок болду.

Карлыгачтын ата-энеси күйөө баласына бир кой сойуп "суу жуткузду" кылып келип кетишти. Кызынын кабак-башын байкап, алар үн дебеди. Күмүш тез-тез кабар алганча келип, кызынын жанында көбүрөөк болуп атты. Азимкан аялдар келип калса ары карап ыйлап, басылганда какшык аралаштырып асылып, Карлыгачтын жанын койбой уу тилин агытып, кирсе-чыкса какшана берчү болду. Ошол күнү Карлыгачтын классташтары келип ыйлап-сыктап отурган. Азимкан аларга:

- Жечүнү жеди, балам болбогондон кийин мунун эмне кереги бар? Сүйгөн немесине кете берсе болот, - деп кыйгачтай көзүнүн кычыгындагы жашты сүртүп алды.

- Койуңуз эне, буга деле кыйын да, эки баласы менен жесир калып отурат. Жашында жесир калып сыздап турган келиниңизди аяңыз, - деди Гүлбүбү деген кыз, ал күйөөгө тийе элек болчу.

- Сыздабай калсын, анын өлгөнүнө сүйүнүп аткандыр. Сүйгөнүнө жолуга албай эле ичи түтөп атпаса, - деп Азимкан буулуга оозуна киргенин сүйлөп атканда келини аны алып чыгып кетти.

- Ай-ий, кайненең укмуш го, биерде туралбайсың эми сен. Минтип отурса эки күндө жинди болоорсуң, - деди Жанна ага боору ооруп.

- Эптеп кыркына чыдасам кетип калам, атамдар алып кетебиз деп атат.

Карлыгач акырын ушуну айтып өз тагдырына кейип ыйлап жатты. Эки классташы кеткенден кийин ал жатып алды. Баласын көтөрүп эшикте алып жүрүшөт. Адам баласы качан башына иш түшмөйүн жамандыкты ойлобой жалаң жакшылыкты гана ойлонуп жашайбыз. Карлыгач Эрнисти дилинде күтүп атты, ага каралуу башы менен жолугуудан жүрөксүп: "Эми болбой калды, мен эми таптакыр бул айылдан кетем, Эрниске дагы көрүнбөйм" деп ойлонуп жатты.

Дал ошол кезде Эрнис келди, анын үйүнө барып кулпулануу турганын көрүп тааныштарынан сураштырды эле Нуржанаттын өлгөнүн угуп дендароо боло түштү: "Эми эмне болот, ага жолуга албайм го", деп эки-үч күн жүрдү. Карлыгач болсо аны ойлогусу келбей өңү жездей саргарып, ичтен сызып жүргөндө ага көчөдөн кичикей бала келип Карлыгач эшикте жүргөндө кат берип кетти. Жүрөгү элеп-желеп болуп боз үйгө кирип кайра чыгып ажатканага жетип эле ачып окуп кирди: "Саламатсыңбы Карлыгач, денсоолуктарың жакшыбы? Мен келип сени алып кетмек болгомун, баарын уктум, арты кайырлуу болсун, эми эмне кылабыз? Күт десең күтөйүн, же убакыт болжолдоп айт, ошондо келем. Эгер макул десең жооп бер, ошол баланы эртең жиберем. Эрнис" деп койгон экен, эчкирип ыйлап көпкө отурду. Анан үйгө кирип кагаз калем алды да: "Эрнис, убара болбо, мен эми сенин босогоңду каралуу башым менен аттай албайм. Тагдырым жазса аргам барбы, сен мени кечир, унутууга аракет кыл... Эрнис, кош бол, экөөбүздү тагдыр кошпосо аргабыз канча? Мен сени көргөн жакшы түшүм деп эстейм, элестетем. Карлыгач" деп жазып, чөнтөгүнө салып алды.

Керээлден кечке көз жашын төгүп, Карлыгач баласын алып мелтиреп отура берди. Кеч болуп калган. Ыйлап жатып баласын кучактап уктап калган экен:

- Ой Карлыгач, керилип уктай бербей иш кыл! Ушинтип мелтиреп жүрүп баламды жуттуң эле, эми мелтиребей кыймылда! Кудай сага берди, жолуңду тосо турган Нуржанаттан кутулдуң, кетесиң бир күнү куйругуңду түйүп, бол тамак жаса! - деп Азимкан ажылдап кирди.

- Азыр апа.

Карлыгач анын айткандарын көңүлүнө албай эле ордунан элпек тура калды. Өзү билип казан асып очокко от жагып тамагын ары-бери жасай койуп алып келди. Бекболот келини менен сүйлөшпөйт да кайрылбайт, неберелерине үйрүлө караганы болбосо баласынан кийин көпкө чейин үңкүйүп өзү менен өзү болуп калган. Түн кирип жатаар маал болгондо Карлыгач эшикте басып жүрүп анан кирип жатты, ойлору чачкын: "Эрнис менин катымды окугандан кийин эмне деп чечээр экен, балким жооп бербей басып кетээр, же... Жо-ок, жооп бербей койбойт, кете турган болсо уккандан кийин дайнын билгизбей кетип калбайт беле" деп жүрөгү уйгу-туйгу болуп, тынчы кетип жатты. Улам эшикке чыгып кайра кирип, жүрөгү дүкүлдөп, эки көзү дарбазанын эшигинен өтүп турду. Түштөн кийин гана тааныш баланын карааны көрүнгөндө эки жагын карап алды да кирип келе электе жетип колуна катын кармата койду. Катты бергенден кийин дагы жаны жай албай тынчы кетип жүрө берди. Жумуш жасап жүрсө дагы эсинен Эрнис чыкпай алагдыланып отура албайт.

Эрнис катты алгандан кийин абдан ойлонду, өзүнө өзү кеңешип, ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры бир чечимге келди да, кат жазууга киришти: "Карлыгач жаным, сенин көңүлүң менен менин көңүлүм бири бирине төп келишип, эки жүрөк бири бирин жактырса башканын эмне кереги бар? Эгер сен мени сүйсөң мен баарына даярмын, болжолдуу күнүңдү айт, мен күтөм деп, Эрнис" деди да, баланы кайра жөнөттү. Экөө кат алышып жатып, акыры жолугушчу күндү болжолдошту. Эрнис кайра үйүнө кетти да, жолугушчу күндү күтүп калды. Карлыгачтын сүйүнчүндө чек жок, арзып сүйгөн адамы анын абалынан баш тартпай баарына кайыл болгонуна кубанып жүрдү, анын демине жаны жай алып көп санаадан арыла түштү.

- "Санаасы жок сары сууга семирет" деген чын, Нуржанатым өлүп кара жерди кучактап жатса бул тим эле семирип баратат бейм? - Карлыгач эшиктен кирип келатып Азимкандын ушинтип жатканын угуп калды, тыңшап турса, - Же бойунда дагы барбы? Жар салдырып койбой! - дегенин укканда чоочуп кетип, Карлыгач артына бурулуп чыгып кетти: "Чын эле бойумда бар болсо канттим, каралуу барганым аз келгенсип ичимдеги баланы көтөрө барсам кандай болот? Кой, мен врачка барып көрүнбөсөм болбойт" деп кыжаалат болуп атты. Санаасы тынып калганда ал чынында жаман абалда калды: "Эгер бойумда бар болсо биротоло андан качышым керек" деген ойго такалды. Кайынсиңдисинен Күмүштү чакыртып алды да:

- Апа, мени доктур чакырып келип көрсөтпөсөңөр болбойт, айла жок, кыбырап жүрөм, - деди ыйлап.

- Макул.

Күмүш өзү тааныган акушер-гинекологко ээрчитип келип ага көргөздү эле, ал аны "доктурга жатсын, врач жакшылап текшерсин" дегенде кайненеси араң жооп берди. Карлыгач ал төрөт доктурга сүйлөшүп койгон эле, эртеси Күмүш өзү ээрчитип барып акушер-гинекологко көрүнсө бойунда жок экен, сүйүнгөнүнөн дагы апасын кучактап ыйлап ийди.

- Ботом, сага эмне болду? - Күмүш кызына таңгала сурап койду, - Ушу ыйлаганыңды койуп жүрчү кызым, ый жакшылыктын жышааны эмес.

- Жөн эле... - Карлыгач көз жашын аарчый унчукпай калды.

- Кой кызым, мынчалык жашык болбо, - деген менен ушул ирээт кызына боору ооруп турду: "Балапаным ай, жаш башыңды бейпайга салдык, кантейин эми өзүңө кудай өмүр берсин, бактылуу болуп, жадыраганыңды көрсөм экен" деп ойлоп Азимкандын каргаганы кулагына жаңырып, бүткөн бойу дүр этип алды: "Каргышың кара башыңа, как чокуңа" деп сыртына чыгара айтканын сезбей калды.

- Эмне болду, апа? - Карлыгач апасын чочулай карады, - Эмне дедиңиз?

- Эчтеке деген жокмун, бирдеме дедимби? - ал кайра андан сурады, - Ойлонуп кетсем керек да.

- Билбейм, "каргышың..." дегениңизди угуп калдым.

- Ий-и да, болсо болгондур...

Аңгыча үйгө жете келишти. Күмүш кирбей эле кетип калды, ал баягыдан кийин Азимканды жаман көрүп калган: "Өзүндө деле кыздар турат, "жаман киши кайгыны ооруп жеңет, жакшы киши күлүп жеңет" дегендей акылы жок эле аял экен, баласын Карлыгач жыга чапкансып" деп ичи муздап көргүсү да келбейт, бирок кез келгенде учурашып, сүйлөшүп койо берет.

Эрнис ата-энесине жолукканда Карлыгачтын күйөөдөн чыкканын ачык айткан болчу. Келгенден кийин ал кандай жооп берээрин билбей: "Үйүндө апасы жок, атасын карап жатыптыр, шаардан апасы келсе анан алып келем" деп зорго калп айтты. Бирок өзү кыжаалат болуп: "Карлыгач туура айтат, каралуу аял жок дегенде бир жылдан кийин карасын алганда гана күйөөгө чыгышы керек", деп ойлоп, азырынча ага үйлөнүүнү токтотмок болуп шаарга кетип калды. Борбордогу ооруканалардын бирине кирип иштей баштады. Болжошкон убакыттан бир ай мурун Карлыгачты кыркын өткөрүп анан алып баса берди ата-энеси. Ислам жети айдан өтүп калган, аны өзү ала келди, таштаганда алардын багаар шарты жок эле. Үйүнө келгенден кийин ал абдан жуунду, ырымдап ак көйнөк, ак жоолук салынды. Өз ичинен эле болжолдуу күндү эстегенде тынчы кетип баласын эмизбей сүт берип, өзүнөн алыстатып инилерине карматып аракет кылып жатты. Эки күн калганда Эрнистин келээр жолун акмалап, күтүп алчу жерине барып күтө берди. Ал күнү да келип үмүтүн үзө кетип бара жаткан эле.

- Карлыгач! - деген үндү угуп кайрылып караса, Эрнис өзүн көздөй күлүп келаткан экен.

- Эрнис, келип калдыңбы? - Карлыгач ага жүгүрүп жетип кучактап калды, - Мен эки күндөн бери күтүп тажаганымдан үмүт үзүп бараттым эле? - Ыйлап атып көздөрү күлмүңдөй сүйлөдү.

- Койчу, менин келээр күнүмдөн жаңылып калдыңбы? - Эрнис Карлыгачтын мурункудан толуп, өңүнө кирип ого бетер чырайына чыга түшкөнүн көрүп суктанып алды, - Алтыным десе, кана кеттикпи?

- Жо-ок, мен кийимдеримди алышым керек го?

- Тим кой, баарын өзүм алып берем, - деп колдон алып жетелеп жөнөдү.

- Кайда?

- Машина бар, кеттик жаным! Азыр дароо үйгө барабыз, мен шаарга жумушка кирип алдым, сен жанымда болосуң, - деп экөө жүгүрүп дөңдүн этегинде турган машинага жетип отурушту да, жөнөп кетишти.

Эрнистин үйүнө алып барбай түз эле шаарга алып кетип баратканы Карлыгачты күдүк ойлорго салды: "Балким үйлөнүүдөн айнып калгандыр, шаарга жашап көрөйүн деп ойлогондур? Мейличи, эмнеси болсо да жанымда болсо болду" деп ойлонуп кете берди.

- Карлыгач, - деди Эрнис көптөн кийин.

- Оо-в.

- Күйөөң өзүн өзү өлтүрүптүрбү?

- Жо-ок, ичип алып жатып калган го?

- Жаман болгон экен, жаш болчу да, ээ?

- Ооба, жыйырма төрттө деп койулду.

- Эх кайран жан, өзүнө өзү кылды. Элден уктум, ичип кеткен тура.

- Ошондой...

- Сага эчтеке дешкен жокпу?

- Эмне демек эле?

- Деги айтам да.

- Өлгөн өзүнүн шору, тил алган жок, ичпе деп канча айттым, мен үчүн эмес өзү үчүн жашаш керек эле да.

- Эмесе мындай алтыным, биз азыр чогуу жашай беребиз, анан күздө үйгө барабыз. Аларды кайра-кайра убара кылгым келбеди, анын үстүнө таанышым жумушка чакырып калды, - Эрнис Карлыгачты караса мелтиреп турган экен, - Угуп жатасыңбы, Карлыгач?

- Угуп жатам, баарына кайылмын, кандай болсо да сен менен бирге болсом болду, - Карлыгач Эрнисти мойнунан кучактап оозунан өөп койду.

- Анда сүйлөштүк. Кыскасы, алтыным, мындан ары экөөбүз чогуу жашайбыз, бактылуу болобуз, - Эрнис анын артынан колун артып алып эңкейе жүзүнө карады, - Эч кам санаба, ойлонбой кабагыңды ач!

- Ой Эрнис, - түз жолдон көзүн албай келаткан шопур аны маңдайындагы күзгүдөн карап күлүп калды, - Аяш бирдемеден коркуп калган эмеспи ыя, дегеле кабагы ачылбайт го? - деп койду.

- Жок-жок, досум, аяшың бир аз жүрөксүп жатат. Ата-энесине билгизбей качып кеткен кыздын абалын өзүң ойлоп көр. Чынбы, Карлыгач? - Эрнис аны карап койду, - Эки-үч күндөн кийин жөн гана телеграмма жөнөтүп койобуз.

- Айтпай эле койо турсак кантет, атам жетип барат да? - Карлыгач үрпөйө карады.

- Дарегибизди айтпайбыз, "мен аман-эсенмин, кам санабагыла" деп койобуз, бүттү.

- Ошентсе болобу?

- Болбогондочу, же сен жаз, почтадан салып жиберебиз, - Экөө акылдашып баратышты.

Карлыгач толкунданып, кубанаарын же кайгыраарын билбей: "Ушундай күндө мага колун сунуп отурган адамдын оту менен кирип күлү менен чыксам да аздык кылат, өмүр бойу сыйлап өтөм, айтканынан чыкпайм" деген ойдо баратты. Түнү бойу жол жүрүшүп шаарга кире бериштен ашканага кирип тамактанмак болушту. Уйкусу келип бараткан Урмат:

- Бир аз ары-бери басып шамалдап алалы. Негедир талыкшып, уйкум келип баратты эле, - деди да, машинаны токтотуп жерге түштү. Үчөө ашканадан тамактанып, сүйлөшүп көпкө отуруп анан жолго чыгышты. Бир сааттай убакыттан кийин шаарга жетип эки жагы тосулуу, чоң короосу бар үйдүн жанына келип токтошту. Эрнис Карлыгачты карап:

- Бул үйдө биздин сүйүүдөн куралган жашообуз башталмакчы. Кана эмесе, жаным, оң колуңду бер, оң бутубуз менен кадам таштап тилегибизди ичтен айтып үйгө кирели! - деп Карлыгачтын колун кармап босогодон экөө бирдей оң буттары менен аттап, колдору кармашкан бойдон басып баратты. Эрнис өзү кирип, анан Карлыгачтын колунан өөп, - Ак жолтой, ак сүйүүмдүн жемишин берип үйүмдүн куту болушуңа тилектешмин, келишиң менен! - деп Эрнис Карлыгач үйгө кирип келээри менен даярдап койгон гүлдү алып чыгып, - Босогомду аттап, мага жубай болушуңду суранам! - деп ийиле калып сунду эле, Карлыгач Эрнисти бир жадырап карады:

- Ыраазымын Эрнис, түбөлүккө кулуң болууга даярмын! - гүлдү бир колуна кармап бир колун мойнуна ороп алып кубанычтан көз жашы төгүлө, ушул мүнөттөргө ишенип ишене албай, түшү сымал сүйүүнүн чалкыган көлүндө көз ирмемдик бакытка балкып турду, - Бакытым, ырысым менин!

- Түбөлүккө кол кармашып, жашоо деген арабаны сени менен бирге тартып, сүйүүнүн кемесин чогуу айдайбыз, жаркыным, - Эрнис аны төркү бөлмөлөрүнө колтуктап алып жөнөдү, - Бул үйдү атам мен жаңы үйлөнгөндө алып берген, ошондон бери ээн турду. Эми бул үй сеники, өзүм дагы бүгүндөн баштап сеникимин ардагым, мага болгон сүйүүң өзгөрбөсүн, картайбасын, өчпөсүн!

- Мен качан денемден жылуулук кетип, жүрүп турган каным токтоп, карегим жумулмайын сүйүүм, бүт тулку бойумду бир сага арнап өтүүгө сөз берем! - Экөө бир бирине ыктай ойлуу отурушуп көз алдына өткөн күндөр тартылып, ыссык сүйүүнүн, махабаттын жыргалынын алгачкы даамын татып түш көрүп жаткандай мелтиреп көпкө отура беришти. Экөөнө азыр башка машакаттын кыпынча да кереги жок эле, болгону экөөнү тең "каралуу" деген сөз тынчсыздантып Карлыгач кайненесинин: "Карадан башың чыкпай кал, эл журтуңду таппай кал, тийген эриң турбасын, тирүү өлүк болуп куурагын" деп каргаганын эстеп: "Оо жараткан, жүрөк эңсеп, жүрөк дегдеп, кайырчыдай жер кезмек болгондо тапкан сүйүүмдөн ажырата көрбө, түбөлүк кол кармашып, жүзүм жарык болуп жетелешип өмүр сүрсөм экен. Жараткан, тилегимди кабыл кыла көр" деп жүрөгү түпөйүл тартып көзүн жумуп, ушул калыпта бактынын кучагында мемиреп отура берди. Эрнис: "Ал күйөөсүн сүйбөптүр, эми ак жолтой болуп үйүмдүн куту, балдарымдын мээрман энеси болуп түбөлүк жанымда жүрсө экен, жамандыгы ошону менен кетип, жалаң жакшылык ээрчип келсин жаркынымды, бул менин бактым" деп ойлонуп атты.

Карлыгачтын баласы ыйлап тынчын алып жатканда Күмүш кызын издеп таппай калды, тестиер небересин улам бири алып көтөрүп сооротконго болбой ыйлай берди. Эки жакты карап карааны көрүнбөгөндүктөн бир нерседен шек алгандай төркү бөлмөсүн карап: "Кайда жүрөт шерменде, тиги доктуру ишинен кетиптир деди эле, кайда кетип калды? Эл журтка шерменде кылды го" деп үйгө кирип-чыгып тынчы кетип жатты. Эшикке күүгүм кирип киши таанылбай калганча күтсө да келбеди.

- Какен кайда кеткен ыя, баласы ыйлап жан койбойт го, ушул убакка чейин жаш баласын таштап кайда жүрөт? - Күмүш күйөөсүнө угуза айтып калды, небересин карап, - Качан кетти эле?

- Түштөн кийин кеткен.

- Каякка барам деди эле?

- Айткан эмес, кайра келем деп кеткен болчу.

- Ушул убакка чейин эмне кылып жүрөт, кокуй шерменде?..

- Эмне деп эле какшанып жатасың, кызың кайда кетиптир? - Кармышак жамбаштап жаткан бойдон ага суроо узатты.

- Мен кайдан билем, үйдө эле жүргөн... - деп дагы сөгүнүп ийеби деп күнөөлүдөй унчукпай калды. Исламга сүт берип, шымын которуп уктатып койуп улам эшикти карап кирип келеби деп үмүттөнгөн менен анын карааны көрүнбөдү, - Он баланы баксаң да ичинен он балага тете бирөө чыгат экен го, бул кыздын жүрүшүнө түшүнбөй калдым, - Наалып жатканда чоңураак небереси жанына отура калып шыбырады:

- Чоң эне, Карлыгач эжем жана бир ак машинага түшүп кеткен! - деди.

- Эмне дейсиң, кокуй? - Күмүш чоочуй небересине ишене бербей карады, - Аны сен кайдан көрдүң?

- Мен көрүнбөй артынан барып карап турдум, анан бирөө менен жолукту да көпкө сүйлөшүп, анан машинага түшүп кетип калган.

- Ко-окуй карангүн, ал бизди өлтүргөн турбайбы, эми эмне кылам?! - деп күйүп бышкан Күмүш күйөөсү отурган бөлмөгө кирди, - Кызың каяккадыр кетип калыптыр, эми эмне кылабыз ыя?

- Кетсе кеткендир да, ушуга чейин коркутуп кармап келдик, эми тим кой. Качып кетти дебей шаарга жибердик деп айт сураганга.

Кармышак баятан бери угуп отурган, Азимкандын каргаганын уккандан кийин өзүнүн туура эмес кылганына өкүнүп жүргөн эле. Эми ал кызына бактылуу болсун дегенден башка сөз айталбасын сезип, кокуйлаган кемпирин тыйды.

- Ээ кокуй, кебелип койбойсуң да, Исламды кантип карайм? Буту-колум ооруп, отуруп-турушум кыйын болуп жүргөндө, түйшүктү башыма үйгөнү эмнеси?

- Болду, көп сөздөн көрө баласын өзүнө жеткирип бер, "кызым шаарга кетти, эми аны кармай албайм, баланы өзүңөр багасыңарбы же бага беремби?" деп сура, анан эмне дегенин угасың.

Кармышак аялына ушинтти дагы көзүн жумуп алды, анын сырын билген Күмүш кайра сөз жаңыртпады, унчукпай отуруп баланы колуна алды: "Барбай эле бага берейин, эгер угушса келээр, бала керек болсо өздөрү келип алсын" деп ойлонуп отурганда чоң небереси Элиза тамак көтөрүп келди. Дасторкон жайып кемпир-чалды караган ушул эки небереси, келин-уулу үй салып бөлүнүп кеткен, башка турушат.

Ал күнү кемпирине Кармышак ашыкча сүйлөбөдү, экөө унчукпай жатып калды, аларды машакаттуу мезгилдер күтүп жаткан эле.

Эрнис менен Карлыгач жакшы жашап жатышты, үйүн таза кармап, күйөөсүнүн тапканын сарамжалдык менен үй ичин жасап, конок үйүн колунан чыккан буйумдар менен кооздоп, Эрнистин телитеңтушун сыйлап, жаркылдаган жар болду. Ал ортодо ата-энесине телеграмма берип почта аркылуу апасы менен сүйлөштү. Ал тилдеген жок, "Өзүң тандаган тагдыр жолуңан өз бактыңды тап" деди Күмүш, "атаң экөөбүз ак батабызды беребиз, ылайым аман болуп бактылуу болсоң болду" деди телефондон. Кубанды, ата-энесине ыраазы болду, баласы болсо чоңойуп жатканын угуп ого бетер сүйүндү.

Эрнис экөө туура үч ай жашап Карлыгачтын бойуна болуп калганда ата-энесиникине барышты. Алар уулунун жаркылдаган жакшынакай келинге туш болгонуна ыраазы болуп өздөрүнчө жашаганга каршы болду:

- Мен келинимдин колунан ысык чай ичпей кетирбейм, жанымда жүрүп ишимди кылып кызматын көрсөтпөйбү? - деди апасы Зымырат.

- Апа, мен жумуштан келгенде үйдө жалгыз калам да, - Эрнис күлдү, - Ушунча жыл жалгыз жүргөнүм деле жетет.

- Биз карыдык, келиндин кызматын көрсөк деп тилегенбиз уулум, андан көрө ишиңден которулуп кел биякка! - Атасы Айтмырза да уулуна каршы болду, - Жалгыз балабыз сен болсоң качан көрөбүз силерден кызматты, эл неберелерин ээрчитип жүргөндө кемпир экөөбүз үйдө жалгыз отурабыз.

- Ма-акул, ма-акул? мен макулмун, келиниңерди силерге таштайм да мен шаарда иштейм, - Эрнис ата-энесин карап күлүп калды.

Анын кубанганы ушунчалык, аларга Карлыгачтын жагып калганы ага да жакшы эле. Ошентип Карлыгач ыймандуу келин болуп калды. Артынан ага-жеңелери келди эле аларды сыйлап узатышты. Күмүш келип өзүнчө кызына жолугуп:

- Кызым, ушу сенин тагдырыңдан корком, күйөөңдүн жылдыгы боло элек, кокус булар угуп калса эмне болду, кокуй? - деди кейий, - Жыл боло электе... Койо турсаңар болбойт беле?

- Апа, коркпой эле кой, Эрнис болбой койду, эми мен бактылуумун, биз бири бирибизди сүйөбүз, - Карлыгач апасын күлмүңдөй карады, - Бактылуумун, апа!

- Кут кылсын садага, күйөөң менен бактылуу болсоң биз дагы бактылуубуз, кызым, - деп Күмүш куда-кудагыйынын сыйын көрүп ыраазы болуп кайтты.

Келгенине үч ай болуп, Карлыгачтын ичи билине баштаган, алардын үйүнө чоң абасынын эжеси келип калды. Ал абысыны Айтмырзанын инисинин аялы. Карлыгачтын келин болуп келгенин угуп атайы келген эле, Карлыгач аны көрүп эле өзүнчө жаман болуп кетти: "Кудай ай, эми эмне болот, бул эмне келди? Бирдемелерди айтып койбогондой эле" деп чоочуп алды.

Эрнис анын кабагы бүркөлө түшкөнүн көрүп:

- Сага эмне болду жаным? - деди аны имериле кучактап.

- Корком Эрнис, корком, мен бул аялды тааныйм, бизге жакын коңшу болчу, болгонун айтса канттим? - Ал аргасы кеткендей карады, - Өзү да ушакчы неме эле?

- Эч коркпо, мен турбаймбы. Апамдар андай ушактарга ишенбейт, андан көрө мен эртең кетем, кийимдеримди даярдай сал.

- Азыр.. . - деген Карлыгач кирип-чыгып атканда Зуурабү аны карап койуп атты.

Ал аябай кеч кетти, аны кудача деп сыйлап кетирди. Кайненеси негедир ал кеткенден кийин өзүнчө эле жаман болуп чалын күтүп жатты. Ал келгенден кийин экөө өздөрүнчө сүйлөшүп отуруп, Эрнисти чакырды. Ал кирип отура электе Зымырат:

- Ээ балам, бул не деген жоругуң? Жесир аялды ээрчитип келип биздин башыбызды өйдө көтөрүп жүрө албай турган кылган турбайсыңбы, жок дегенде кеңешип койбогонуң эмнең? - деп уулун жекирип атты.

- Мунуң болбойт балам, каралуу аялды алганың туура эмес, ашы да бериле элек экен, ушундайда келинди кайдан алып келсең ошол жерге таштап кел, эми аялды өзүбүз алып беребиз. Эки балалуу немени алып келип кубанып жыргап калдыңбы? - Айтмырза бир жагынан чыкты.

Карлыгач булардын сөзүн угуп туруп солкулдап ыйлап жатты, Эрнис алардын сөзүнө көнө койбоду:

- Мен Карлыгачты таштабайм, өлгүчө бирге болобуз биз!.

Колун шилтей чыгып кетти. Босогодо ыйлап турган Карлыгач же эшикке чыгып кеталбай же ичке киргенге даабай көз жашын көлдөтүп тура берди, ошол убакта сырттан кирип келаткан Эрнис аны колдон алды да жетелеп өз бөлмөсүнө алып барды:

- Мени менен кетесиң, булар айта беришет. Бирге кетебиз да, жашай беребиз.

- Эрнис.. . - Сүйлөй албай буулуккан Карлыгач отура калды, - Мени жайыма кой, өз жолум менен эле болойун, сен жалгыз бала болсоң, сарсанаа болушат, - деп ыйлаганын токтото томсоруп отуруп калды.

Ал ушул учурда баарына кайыл болуп турду: "Болду, Нуржанат менин шорума жаралган экен, өлсө кутулам десем анын кесепети тийип жашоо бербей турган болду. Бир гана жол? өлүп тынышым керек!" деген чечимге келди да ичиндеги баланы ойлоп алды: "Жок-жок, мен өлбөйм, ак сүйүүмдөн жаралган наристем бар, аны сакташым керек" деп эч нерсе менен иши болбой отура берди.

Ошол учурда алардын бөлмөсүнө Зымырат кирип келди:

- Ээ айланайын, өзүң эс акылдуу эле жан экенсиң, башыңдан караң алына электе неге эрге тийе качып жүрөсүң? Атам замандан келаткан салт бар, карасы алынбаган аял эрге тийбейт, тийсе тийген эрине зыяны тийет. Мен баламдан айрылгым келбейт, сен ушундайда кетип кал, бул үйдө тура албайсың эми, - деди эле? Эрнис аны тыйды:

- Пешенеге жазганын көрөт пенде, сиз эмнеге минтип жатасыз? Мен айттым го, Карлыгачтан ажырай албайм!

- Жо-ок уулум, сен эсиңди жый, эркек дейт сени. Катын деген толо, каралуу катынды "кара жаздык" деп илгери элге кошчу эмес, жылдыгы болмойунча анын колунан тамак да ичишпейт!

- Апа, болуптур эми, муну шаарга алпарып таштайын, - Эрнис апасын жоошута сүйлөдү.

- Болбойт, муну сенден бөлбөсө сен алып жүрө бересиң, мен өзүм жеткирип берем. Апасы менен өзүнчө сүйлөшүп атканда шекип калдым эле, көрсө ушундай экен да! - Зымырат жан алы калбай ажылдап кирди. Карлыгачка карап, - Ой келин, кандай уятың жок немесиң ыя, чырактай баламды тобокелге салып сага берип койомбу?! Жо-ок ушундайыңда кетип калышың керек, биерге токтотпойм! - деп кийимин жыйнап жаткан келинди колунан алып, - Кетесиңби, өзүм алпарып келейин? - деди.

- Эмне болуп жатасың апа? Эгер Карлыгачты кет деп дагы айта турган болсоң мен асынып өлөм, ансыз мен жашай албайм! - деп Эрнис ордунан тура эшикке жөнөгөндө Зымырат шашып калды. Калдактай анын артынан жүгүрүп жөнөгөнүн көрүп калган Эрнис мал байлаган жипти чечип алды да короого кирип кетти.

- Кокууй карангүн! Айтмырза, чык бери, балаң өлөм деп атат, бол дейм! - деп Зымырат ачуу кыйкырганда Айтмырза чыга калды да шаша короого кирди.

Карлыгач үн дебей отура бермек, бирок чыдай албай чыгып алар менен жүгүрдү. Алар келгенде Эрнис чоң устунга жипти байлап койуп учун сыйыртмак кылып эми мойнуна салганы жатыптыр. Айтмырза анын колунан жипти сууруп алды да жаакка бир чапты, Эрнис делдейе туруп калды.

Эч кимиси үн дебей саамга туруп калганда Айтмырза:

- Ата-аңдын оозун урайын десе, "Жаман эркек "өлөмүн!" деп коркутат, жаман аял "кетемин!" деп коркутат" болгон! Акыры өлөсүң ансыз да, ажал келсе, ага чейин эмне шашып жатасың? Карыган кезде энең экөөбүздү кыйнап өзүңдү өзүң өлтүрсөң бизден башка ким күйөт ыя? - деп артына кайрылып үйдү көздөй басты.

Ашыкча сөз сүйлөгөндөн Зымырат коркуп бүжүрөй чалынын артынан кетти. Карлыгач менен Эрнис селейип турган жеринде катып көпкө турду. Бир кезде аялын бир карап алып, Эрнис да кирип кетти. Жан дүйнөсү сыздап, жүрөгү жүз жеринен тилингендей ооруп Карлыгач турган ордунан жылбай: "Кара тумшук экемин, күйөөгө тийип ырахатын көрө албадым. өмүр бойу ушинтип жарыкчылыкта жашаганча өлүп көрдө болгонум жакшыдыр, бул дүйнөдө жакшы күн жок экен мага" деп көзүнүн жашы соолуп калгандай бозоруп турду.

Үйдөн чыга калган Зымырат:

- Көгөрүп тура бербей ишиңди кыл! - деди ага буйруй, башка эч нерсе дебеди.

Карлыгач үндөбөй басып баратып: "Кой эми булардан мага ырайым болбойт, куурулуп жүрө бергенче Эрнис кеткенден кийин мен өзүмчө кетейин" деген чечимге келип күндөгүсүндөй эле жумушуна киришип кечки тамагын жасап алдыларына койду. Эрнис келбей койду эле анын тамагын бөлмөсүнө киргизип берди. Ал унчукпай иче баштады, Карлыгач кемпир чалдын ичкен идишин жыйнап, төшөгүн салып берди да акырын б?лм?с?н? келди. Эрнис ал кирип келээри менен тура калып кучактап калды:

- Мени кечир алтыным, сени капа кылып алдым, таарынба жаным. Эртең алар уктап жатканда кетип калабыз, бизди алардын сөзү ажырата албайт, сен төрөп бересиң, балабыз чоңойсо өздөрү жалдырап барат, - деп өөп алды, - Таарынбайсыңбы?

- Эмнеге таарынам Эрнис, күнөө өзүмдө болуп жатпайбы. Жаштыгымбы же жамандыгымбы, өзүм да түшүнбөй калдым, жүрөгүм ээленип эле туруп алды. Дүйнө кезип болсо да сүйүү издеп кетмек болуп калганымда сен жолугуп калдың, - Ойлуу сүйлөй берди, - Сени көргөндөн баштап тоңгон жүрөгүм жылып, өчкөн үмүтүм жанып, өзүмдү бул кең ааламда жалгыз бактылуу жандай сезип жер менен баспай учуп калдым. Сага жолуккандан кийинки күндөрүм майрамдагыдай өтүп калды эле.. .

- Асылым...

Эрнис аны колтугунан чыгарбай көпкө тура берди. Ал ушул учурда эмнелерди гана ойлободу. Ушул кара көз, чачы бойу менен тең суйсалган, жүзү кызылдуу келип каштары жаңырган айдай иймейген келиндин жапжаш туруп башынан өткөн күндөрүн, көзүнөн мончоктогон жаш кетпей бейпайга түшкөн өмүрүн ойлоп, кайда болсо да жетелешип алып анын жашоосун жазга айланткысы келип турду. Бир кыйлага чейин кучакташып тура беришти эле, Карлыгачтын ичи "бүлк" этип кетти, экөө тиктешип калганда тыбырагандай ичи түйүлүп барып: "мен бармын, мен силерди көргүм келет, жарыктыкка тез алып чыккылачы!" дегендей туйлап жибергенде алар күлүп ийишти.

- Мына, менин уулум "силер ажырашпагыла!" деп жатат, көрдүңбү? - Эрнис аялын кучагынан чыгарып курсагын кармалап калды, - Уулум, сен кабатыр болбо, апаң экөөбүз сени кандай гана тосуп алабыз дейсиң! Музыка, ыр менен тособуз!

- Ошону билип коймок беле? - Карлыгач эмелеги ызасын, жүрөк ооруткан сөздөрдү унутуп жаркылдай карады, - Сен дагы бала болуп кетесиң да?

- Билет, билген үчүн экөөбүздүн кайгырганыбызды көрүп кыбырап жатат да.

- Макул эми, жаталы.

Ал төшөктөрүн салып экөө кучакташа жатып калды. Эрнис анын курсагын сыйпалап үнсүз кыялга батып апасынын сөздөрүнө капа болуп жатып уктап кеткендерин байкабай да калышты.

Айтмырза туруп намазын окугандан кийин Эрнисти ойготмок болуп анын бөлмөсүнө карай басты: "Эрте кетем деди эле, уктап калдыбы, же кеткиси келбей аялына карап калдыбы" деп тамагын кыра жөтөлүп эшиктин түбүнө келди да:

- Эрнис, ээ Эрнис, тур жолдон каласың! - деп кайра басып кетти, - Карлыгач да уктап жатабы... Азыркы келиндерде уят да жок, кайнаталуу келин илгери кеч жатып эрте турчу эле, эмкилер түшкө чейин укташат, - деп аялына кирди, - Барып балаңды ойготчу, ушунча да уктайбы жолго чыга турган киши?

- Кеткиси келбей калса керек, болбосо турат эле да, - Зымырат ордунан жер таяна турду да уул-келинин ойготмок болуп эшигин ачып кирип барса эч ким жок. Төшөктөрү жыйналган бойдон, ал бир азга туруп анан, - Булар түндө эле кеткен турбайбы, "ойгот" деп койот.

Наалып кирген кемпирин Айтмырза түшүнө бербей карады:

- Эмне, ойготтуңбу балаңды?

- Ойготмок турсун орду жок, түндө эле кеткен окшойт алар. Катынын биз жеп койо тургансып ала качкан экен.

- Мейли, кетсе кетсин, аман болсун. Ушу сенин бир кыялың жаман да, карыгыча калбады, какшанып сүйлөп келинге да суук көрүндүк. Алар бөлөк жашап калышса бизге жаман, карыган чакта жек көрүнбөй ушулардын сыйын көрсөк боло? - Айтмырза кемпирин каарып кирди.

- Эмне кыл дейсиң эми, мен эле жамандык каалап жатат дейсиңби? Жалгызымдан коркуп жатпайымбы, - Зымырат бышактап алды, - Эри өлгөн аялдын карасы өрттөлмөйүнчө оңой болчу эмес эле.. .

- Кудай берген жанды кудай алат, кудай кулум десе өзү сактасын, кемпир. Ал деле адам, сен экөөбүздөй эле бирөөнүн баласы. Аны кордобо, күйөөсүн өзү жыга чаап койуптурбу?.

Айтмырза аялына курулай күрсүлдөмүш эткен менен ичинен өзү деле бушайман болуп атты. Кантсин, көзгө басаар жалгызын балээден коргоп калгысы келгени да...

Кемпир чал бир бирине эш болуп Эрнистин кайда болсо дагы аман-эсен болушун жараткандан өз ичтеринен купуя суранып өз күндөрүн өткөрүүгө бел байлашты. Бара-бара алар уулунан санаасы тынчыбай Зымырат шаарга барып кабар алып келмек болуп белек-бечкегин, кымызын, этин түйүп көтөрүнүп алып жөнөп калды.

Бул кезде Карлыгачтын төрөйүн деп калган маалы болчу. Зымырат келгенде кир жууп жаткан, дарбазадан кирип келе жатканда эле жетип барып колундагысын ала койуп:

- Келиңиз, мынча оорду көтөрүп кыйналгансыз, жөн эле келе берсеңиз болмок, - деп үйгө киргизип арыдан бери чайын койуп, суусундукка сүзмө эзип чалап даярдап тыпылдап атты.

- Эрнис иштеп атабы, жакшы жүрөбү? - Зымырат келининен бир топтон кийин сурады.

- Ийи, жакшы эле иштеп жүрөт, - Карлыгач эч нерсе болбогондой күлө багып жооп берди.

- Ботом айтпай дебей баса бериптирсиңер да, карыган эне-атасын аяп да койбойт, бала деген сыйлап койбойбу ыя, сен деле кой десең болмок, - Эне таарыныч кыла кетти, - Элден угуп мен деле ачуум келип эмне деп сүйлөгөнүмдү билбей калдым, бир-эки ооз сөзүмө чыдабай сени жетелей качыптыр, - келинин карады эле андан үн да чыкпады: "Бечара, мындан үн чыкпайт экен, жакшы бүлө болчудай, бирок уулума зыяны тийбесе экен, ушинтип эле жашай берсе кана, айы да болуп калса керек" деп ойлуу чыныны жылдырып, - Болду балам, эс алайын, - деди эле Карлыгач пар жаздыктан алып келип койуп берди да өз ишине киришти.

Кечке маал Эрнис жумуштан келип апасынын уктап жатканын көрдү: "Келген экен, Карлыгачка эмне деди, ага дагы сүйлөп капа кылбадыбы?" деп ойлоп ашканада жүргөн аялынын жанына барды.

- Апам качан келди?

- Түштө келген.

- Эчтеке деген жокпу?

- Эмне демек эле, унчуккан деле жок.

- Мейли, мен апам ойгонсо учурашайын, тамак даяр болойун дедиби?

- Даяр! - Карлыгач күлүп койду.

- Азамат! - Эрнис бармагын көрсөтө көзүн кысып койуп чыгып кетти.

Дайым ушул, бир-биринин кадыр көңүлүнө карап сөз сүйлөшөт, эгер тагдыр буларды бөлүп койбосо өмүр бойу сыйлашып гана өмүрдөн өтүп кетишмек, бирок аларды дагы кырсык аңдып турган...

Эрнис апасынын жанына келип отуруп анын ойгонушун күтүп атты, качан тамак келгенде өзү ойготуп:

- Апа, аябай чарчагансың го? - деди күлүмсүрөп, - Атам жакшы жүрөбү?

- Аа-а кагылайын десе, атаң жүрбөгөндө кудай алмак беле, жүрөт жулкунуп. Абыдан чарчаган экемин, катуу уктап калыптырмын, - деп өйдө болуп отурду, - Ишиң кандай, уулум?

- Баары жакшы, апа, - Эрнис апасын далыга таптай тамашалап койду, - Апам алтын аял да!

- Ээ балам, бир кезде ушу биздин карааныбызды да таппай калаарсың, - деп эне башын ийкеңдетип койду, - Эне-ата баланын жаман-жакшысына чыдаса да, балаң кургур чыдай албайт тура!

- Ошо силердин барыңарда иштеп алайын деп жатпайынбы, небереңер чоңойсо эрмек кылып жашай бересиңер.

- Ошондой болсо кана, атаң экөөбүз сүзүшүп эле отурабыз, - Зымырат баласына капалана кетти, - Бүгүнбү, эртеңби көрөөр күнүбүз бүтүп, ичээр суубуз түгөнсө биз да кетебиз, уулум. Кудайдан "ушул балалуу болсо неберебизди ээрчитип чоңойтсок" деп тилек кылчу элек, мына канча жыл өтүп кетти, бойдок жүрүп алдың.. .

- Жакында төрөлөөрү менен небересин атамдарга жеткирип берип койолу ээ, Карлыгач? - деп Эрнис күлүп калды.

- Мейли, - Карлыгач жылмайып койду.

- Бере бергиле балам, багып эле алам.

- Сөзсүз беребиз, - деп көпкө чейин бакылдашып отуруп Зымыратка төркү бөлмөгө төшөк салып берип ал жаткандан кийин экөө өз бөлмөсүнө жатып калышты.

Бу жолу ашыкча сөз айтылбаганына Эрнис ичинен ата-энесине ыраазы болуп калды: "Акыры көнүшөт да, эмне кылмак эле, карып калышты, сыйлап алышым керек, мени кандай гана кылып багышпады, бир күнү булар да бизден бөлүнөт" деп ойлогондо ата-энесин аяп кетти. Карлыгач сыртынан билгизбеген менен ичинен: "Унчукпады, бирок дале өкүнүчү бар, кудай мени алган жарым менен карытса экен" деп ойлоп атты. Анын кийинки кездерде уйкусу жакшы эмес, кичине уктап баратканда эле бир нерседен чоочуп ойгонуп кетет, түшүм дейин десе көз алдына кадимкидей тартылат да турат...

Эртеси эрте турган Зымырат сыртка чыгып келгенден кийин үйдүн ичин карап көрүп кооз курактарды, керилтип сайган туш кийизди байкап келинине ыраазы болуп калды: "Катын колу кап" деген ушул, колунан келет экен, жакшы келиним бар тура. Ээ кудай, түбөлүгү түз болсо экен, уулумдун өмүрүн узун кыла көр" деп кайра эшикке чыгып, ары-бери басып эшигинин алдындагы огородун көрүп дагы кубанды.

Карлыгач турса кайненеси жок, чоочуп кетип эшикти караса жүрөт, өзүнүн уктап калганына уяла чай койуп, анан:

- Апа, жакшы уктап турдуңузбу? - деди.

- Жакшы айланайын, уйкуну кечээ күндүзү эле уктап алган экемин, эрте ойгондум.

- Эс алып калыпсызбы?

- Абыдан, тим эле сергилең турдум, - Зымырат келинине мулуңдай карап койду, - Огородуң жакшы болгон экен, ээ?

- Ийи, жакшы болду, эрте отургузуп койгонбуз.

- Ошенткиле балам, өзүңөр кор болбойсуңар.

Зымырат эне балдарынын оокат кылгандарына кубана келинин жылмая карап үйгө ээрчише кирип:

- Буларды өзүң кыласыңбы? - деди үй ичиндеги кол жасалгаларды көрсөтүп, - же сатып алдыңбы?

- Жо-ок апа, өзүм жасайм, апам үйрөткөн баарын.

- Жакшы экен, кудагый уз аял болсо керек?

- Апамдын колунан баары келет, айылдагыларга курактарды, кийизден жасалган буйумдарды бүт жасап, көрсөтүп берет.

- Эненин кылганын үйрөнгөн кыз кор болбойт, өзүңөргө жакшы, айланайын, - деп ички үйгө отуруп калды.

Эрнис туруп жумушуна шашып жөнөмөк болуп баратып апасына кайрылды:

- Апа, бүгүн үйдө болосуңбу?

- Жо-ок балам, атаң үйдө жалгыз куурабайбы карыган кезде чай кайнатып.. Бүгүн кетем.

- Анда жакшы бар, Карлыгач бирдеке алып берип салып койот. Менин жумушум бар, эрте барбасам болбойт.

Эрнис чыгып кетти. Ал кеткенден кийин Зымырат жай чай ичип отуруп анан кетмек болду. Карлыгач ага кант-чай алып берип, автобуска төлөп орунга отургузуп койуп анан кала берди.

Кайненесин кетирип үйүнө келди, негедир бир нерседен кабатырлана тынчы кетип туруп алды. Үйүн жыйнап анан ичке кирип жатып алды, эч нерсеге көңүлү келбеди, жүрөгү түпөйүл тартып ойлонуп жатып уктап калды. Түш көрдү, түшүндө Эрнисти чоочун аял өзүнөн алыстатып ага жакындатпай ортосун тозот. Карлыгач ага жетем деп далбастаса да жеткирбей улам алыстатып баратканда ал кыйкырып артынан жүгүрүп баратып ойгонуп кетти. Кара терге түшүп жүрөгү опкоолжуп калыптыр: "Бул эмнеси кудай ай, Эрниске бирдеме болдубу? Эгер ал бирдеме болсо мен дагы кошо өлөм, андан калбайм" деп ыйлап атты. Анда-санда ичи бүлк этип койот, "мен бармын" дегендей. Улам кеч кирген сайын Эрнисти күтө берип эми жумушуна чалмак болуп калганда ал босогодон көрүндү.

- Эрнис, мынча эмне кечиктиң? - Жетип эле кучактап калды, - Мынчалык кечикпей жүрчү.

- Алтыным десе, кам санабай отура бер да, мен кээде жумуштар менен кечигип калам, - Ал аны соорото чарчагандай, - Өх, - деп алды.

- Чарчагансың го ээ, даяр тамак бар, алып келейинби?

- Азыр жуунуп алайын, чынында аябай чарчадым, - деп колжуугучка колу бетин жууп аарчынды да, ашканага кирип столго отурду. Карлыгач тамак куйуп берип бет маңдайына отуруп алды да:

- Сен кечиксең аябай корктум, - деди.

- Эмнеге? Коркпой эле кой да, мен жумушта бир аз кармалып калам, болбосо эрте эле келем.

Эрнис анын сөзүнө анча маани бербегендей тамактангандан кийин төркү бөлмөгө кирип телевизор койду. Ал аялына мурункудай үйрүлүп түшпөй суз мамиле жасаганына Карлыгач таңгалды: "Балким апасы кайра жумушуна барып жолуккандыр. Мейли, кандай чечсе ошондой чечсин" деп ойлонуп ал түнөөчү бөлмөгө кирип жатып алды. Эрнис өзүн колго ала албай жаткан эле. Бүгүн жумушка шашып кетип жатса алдынан цыган аял жолугуп: "Сен бир аял алыпсың, анын жолу жок. Күйөөсү өлгөндөн кийин сага тийиптир. Сен андан кет, уулум, ал аялыңдын тийген күйөөсү соо болбойт. үч айдын ичинде ажырашпасаң сени кырсык тооруп турат" деп тыйынын албай басып кетти. Ушуларды ойлогон Эрнис өзүнчө кыжаалат боло берди: "Эмне кылам, төрөгөнү турат, жакшы аялга жолуктум эле, балким жөн эле айтып койгондур?" деп отуруп үргүлөп кетти. Ордунан көңүлсүз туруп чечинип аялынын жанына жата кетти:

- Уктадыңбы?.

Кучактап жатып да көпкө ойлонду: "тобокел, кудайдын пешенеге жазганын көрөөрмүн, "бүбүсү бүп, бакшысы бап дейт" дешет го, адамдар айта берет, мен эми мындан ажырашып кайда барам?" деп ойлонду да уктап кетти. Эртеси дем алыш болгондуктан тура албай көпкө жатты. Карлыгач эрте туруп помидор, бадыраңдарына суу жүргүзүп койуп анан чай койду, акырын Эрнисти караса ал дале уктап жатыптыр, ашканага кирип отуруп алды. Ойлонуп отуруп отурган жеринде уктап кеткен экен Эрнис келип аны бетинен аяр өөп койгондо көзүн ачса ал күлүп карап туруптур:

- Ойгондуңбу? - деп тура калмак болгондо аны кучактап алган Эрнис:

- Чарчагансың го, уктай бербей эмнеге эрте туруп алдың? - деди.

- Чарчаган деле жокмун. Тур жуунуп кел, чай ичели.

- Жаным, сен өтө эле кыйналып иш кыла бербечи, жакында мага уул же кыз таап бересиң.

Эрнис аялын эркелетип аймалап алып анан жуунмак болуп сыртка чыкты. Экөө бир аздан кийин бет маңдай отуруп эрте мененки чайын ичип отурушту. Эрнис аны карап отуруп: "Арыктап кетиптир, аял бойунда барда ушинтет, төрөтү жакшы болуп аман-эсен төрөп алса болду" деп келинчегинин сулуу жүзүнүн бозоруп, каны качкандай жаактары шимирилип калганына боору ооруду: "Мен деп балдарына карабай келди, кадырына жетишим керек" деп ойлонуп ошол күнү ага жардам берип кечке жанында болду. Кечке маал болуп калган. Карлыгач үйгө кирип баратып бир нерсеге чалынгандай болуп көмкөрөсүнөн жыгылып түштү. Эрнис жетип барса ичин баскан бойдон өзүн жоготуп койуптур, телефондон тез жардам чакырып аны ооруканага алып барды. Абалы өтө оор болуп дем ала албай кислород менен дем алдырып жатышты:

- Тезинен операцияга, өзүн аман алып калбасак болбойт!

Эрнис өзү шымалана киришмек болгондо улгайган аял врач аны токтотту:

- Операцияны мен жасайын, Эрнис Турарович. Сен өзүңдүн аялыңа жасай албайсың. Жакшы болуп кетет, сабырдуулук менен күтө тур, - деди акырын гана.

Чынында Эрнистин муундары калчылдап коркуп турган: "Баламдан айрылдым, эми аялым аман калса болду. Ай азап ай, балам өзүмө буйрубады, ээ" деп алагды боло берди. Жарым сааттай убакытта барып анан операционныйдан Шарипа Исаевна чыгып келди.

- Кандай, жакшыбы, Шарипа Исаевна, бала.. . - деп келатканда:

- Өзүң жакшы билесиң да Эрнис Турарович, анан баланы сурайсың, карапайым адам болсоң бир жөн. Бала эмес энесинин аман калышы үчүн жасалды бул операция, бала эбак эле жок болуптур, - деп башын чайкады Шарипа Исаевна, - Түшүнүп турам, сага да кыйын, төрөөрүнө эки гана жума калган экен. Башка салганды көрбөскө чарабыз жок, Эрнис Турарович!

- Түшүнөм, түшүнөм, - Эрнис ойлуу ары басып, - Энесинин абалы түзүк элеби?

- Жакшы, уктап жатат.

- Рахмат сизге, - Эрнис Карлыгач жаткан бөлмөнүн эшигин акырын ачып кирип көпкө чейин колдорун кармап отура берди, көптөн кийин көзүн ачкан Карлыгач:

- Суу, суу берчи! - деди кыңылдай.

Карлыгач бир жумадай ооруканада жатып чыкты. Үйгө келгенден кийин абдан ойлуу тартып жата берчү болгон. Эртели-кеч Эрнис өзү укол сайып, дары-берип карап жатты. Бир аз тыңый баштаганда Күмүш менен Кармышак келди. Анын абалын көрүп экөөнүн тең зээни кейип ичинен кейип алышты. Карлыгач эптеп ордунан туруп, аларды коноктомок болду эле, Күмүш аны тургузбай койду:

- Жата бер балам, кыйналыпсың да, этиет болбойт белең?

- Апа, буйрубады окшойт, мен эми төрөбөй калдым. Эрнис менен да жашоом болбойт окшойт.

Карлыгач көзүнүн жашын мөлт эттирип алды.

- Коркпой эле кой балам, күйөөң өзүм деп бек турса баарын жеңесиңер, көп ойлонбо, - Күмүш кызын жубата сүйлөдү.

- Жаман ойду ?з??д?н алыс кыл кызым, баары жакшы болот.

Күмүш кызынын маңдайына түшүп турган чачтарын ары кылып жанында көпкө отурду. Кармышак ?нд?б?й ойлуу отура берди. Бир топтон кийин Күмүш өзү туруп, алып келген этинен асып койду да чай кайнатып ичмек болду, алыс жолдо чарчап келишкен эле. Алар чай ичип отурганда Эрнис келди, учурашып анан Карлыгачты карады:

- Дарыны ичтиңби?

- Ооба ичтим.

- Азыр мен укол саям, - деди да кийимин алмаштырганы кирди.

- Күйөөң жакшы эле экен, кызым. Эми баягыдай мисирейгенди кой, кабагыңды ачып жаркылдап жүр, мен сени өзүм карайын, атаң кайра эртең кетет.

- Ошентпесең болбойт, кечке төрт дубалды карап жата берип жинди болуп кетпейби, - Кармышак сөзгө аралашты, - Жакшы болгуча кара.

- Карабасам болбойт, - Күмүш ошентип атканда Эрнис шприцтерин, дары-дармегин алып кирди. Кармышак менен Күмүш сырткы бөлмөгө чыкмак болгондо Эрнис аларды кичипейил гана:

- Төркү бөлмөгө өтүңүздөр, азыр мен барам, - деди. Алар ээрчише кирип кеткенде жамбашын ачып укол сайды да, - Эми жакшы болуп кетесиң жаным, азыр кийинип атамдардын жанына барып отур, мен тамак жасайын, - деп өөп койуп ашкана жакка барып кайнап жаткан семиз этти көрдү. Эптеп картошкасын салып, пияз туурады, даяр турган кесмеден салып койуп алардын жанына келди.

- Жакшы жатасыздар. үй, неберелериңиздер тынч жатышабы? - Жай отуруп Эрнис алып ал жай сураштырып кирди, - Бизде ушундай, кечириңиздер жумуштан шашып келип муну карайм, иши кылып жакшы болуп калды, кам санабаңыздар.

- Эми эмне кылабыз балам, бу да кырсык экен. Биз учурашып кабар алалы деп эле келгенбиз, - Кармышак Эрниске ичинен ыраазы болуп турду, - Какенди жакшы болгуча апасы карап турат, сен ишиңден алагды болбо.

- Жо-ок жок, ата, убара болбой эле койгула, Какенди өзүм карайм, - Эрнис шашып калды, - Сен азыр өзүңдү жакшы эле сезип калдыңбы?

- Ооба, мен жакшы элемин, - ата-энесине карап, - Силер коркпой эле бара бергиле, мен жакшы болуп эле калдым, - Карлыгач жылмайууга аракет кылып өзүн кыйнап күлгөн болду, - Эми мен жаш бала эмесмин да, - деди кайра сумсая калып.

Капырай бул не деген жан, мурун Нуржанатты сүйбөйм дечү эле, дале сумсайып муздак. Бул бир балээ кыз болду го, өлгүчө ушунун бактылуу болгонун көрсөм болот эле".. Күмүш кызын ойлуу карап тим болду. Эрнис аларды сыйлап, коноктоп, кийит кийгизип анан жөнөтүштү.

Карлыгач өзү жакшы сакайгыча унчукпай жүрө берди. Кайната-кайненеси да угуп келип кетишти, алар абдан кейиди. Карлыгач: "Мен биерден кетишим керек" деген чечимге келди.

***

Артык ошол күнү көңүлү ачык келди. Аны көргөн Болдукан:

- Ээ атасы, мынчалык кубанычтуусуң, ишиңде өзгөрүүлөр болдубу? - деди жылмая карап.

- Эң сонун, бүгүн мага телефон чалышты, борборго чакырып жатат, кыязы дагы көтөрүлөт окшойм.

- Жакшы болуптур, - Болдукан аны кубаттап койду.

- Жакшы болгондо да кандай! Министирликте орун бошоптур деп жаткан, ошого мени сунуш кылышат го?

- Куттуктайм!

- Рахмат жаным, сен менин чыныгы бактымсың, сен барда менин көңүлүм ток, балдарым багылуу. Кыскасы, "аял жакшы - эр жакшы" дечү беле? - деп аялына эңкейе жылмайып сурап койду.

- Аялдын жакшысын чогуу жашап жүргөндө эч бир эркек билбейт, башка аялдарды эңсеп, күтүп жүрө беришет, - Болдукан ойлуу ары басып кетти.

- Эмдигиче унута элексиңби, койсоңчу эми, баары артта калбадыбы?

Артык андан ары сүйлөшкүсү келбей отуруп алды: "Бул өтө митаам аял, Анаркүл экөөбүздү сыр билгизбей жүрүп эле эки бөлүп койду, деги кыйын аял" деп ойлоп койду.

Айткандай эле ал Фрунзеге кетип бир жумадай жоголду. Бир күнү телефон чыр эткенинен Болдукан ала койду:

- Ало, угуп жатам.

- Болдукан, бул менмин, силерге айтаар жаңылыгым бар. Мени министирликке көрсөтүштү, көпкө кармалам го. Балдардан кабар алып айылга бар дагы атама айт, бир жылкы сатып берсин!

- Эмнеге?

- Керек, жумушумду ырымдабайынбы? - Артык телефондон каткырып койду, - Индира окуусун бүтөөрү менен мага жибер, окууга киргизип койойун. Мунира жакшы окуп жатабы?

- Жакшы, кам санабай эле гой, балдарды төрөтүп койгонуң болбосо кандай чоңойуп жатканын билбейсиң да, туурабы?

- Туура. Болдукан, тез айылга баргын да акчаны салып жибер!

- Болуптур.

Болдукан трубканы койгондон кийин ойлуу отуруп калды, ал Эмилбек менен көптөн бери жолугушуп жүргөн. Бүгүн да аны тоо түбүндөгү эс алуучу жайга чакырган. "Ал кызмат деп жүрсүн, мен да өз күнүмдү көрө берейин, министрге аял жокпу" деп ойлоп ызалуу жылмайып алды.

Ошентип кайчылаш өмүрлөр бир-бирин түшүнүшпөй, бай турмуш, жай турмуш кээде тажатып, кээде экөөнү эки өйүздөн бир бирине көз салдырып койуп өтө берди. Болдукан менен Эмилбек бирин бири абдан сүйдү, эч нерсеге карабай сүйдү. Эки кызын таштап койуп басып кетишке Болдукан даабай жүрдү. Эмилбек ага карап көпкө жүрүп калды, ал түз эле үйлөнмөк болду, бирок Болдукан ага болбой атты, кадыр-барктуу күйөөсүнүн уятын ойлоду. Күнү-түнү ойлонуп башы катты. Акыры: "Эки уулум болсо мени ойлобойт деле. Эки кызым чоңойуп калды, аларга кыйын болот, ошон үчүн чыдайын. үйүмдү бузуп жеңилдик кылбайын, жаш болсом бир жөн" деген чечимге келди. Эмилбек тынбай телефон чалып андан суранып атты. Болдукан эки ортодо кыйналып бүттү. Артыктын айтканын орундатып айылга барып бир жылкынын акчасын алып келип почтадан салып жиберди. Эмилбек кийин түз эле Болдукандын үйүнө келе баштады.

Индира үйүнө токтобой жүрүп онунчу классты бүтөөрүнө аз калганда бойуна болуп калып баарын ызы-чуу кылбай Болдукан өзү бүтүрмөк болду. Индира экзаменге бараарына аз күн калганда эртең менен эрте туруп кусуп жаткан, Болдукандын жүрөгү шуу этип чоочуп жанына жетип барды.

- Ой кыз, сага эмне болду? - Аны өйдө кылып көзүнө карап алып ого бетер чоочуду, анткени анын апакай жүзүнө болоор болбос так пайда болуп сепкил түшүп бир аз арыктап кеткенин байкап, - Сен соо эмессиң кызым, менден жашырба, сага эмне болду? - деп жулкулдатып ийди.

- Мама!

- Мама дебей кал, айт ачыгыңды! - Болдукан анын жер карап калганынан эле бир балээни жүрөгү сезди, - Кызым, - Ал кайра өз ачуусун ичине катып жумшара түштү, - Мен сенин энеңмин, кызым, менден сыр жашырганың болбойт. Кана айтчы, эмне болду?

- Ма-ама, жөн эле кускум келип башым ооруп турат, эмнени айтмак элем? - деп Индира көзүн ала качты, - Койо бериңиз, мен экзаменге барышым керек! - дегенде телмирип туруп калган Болдукан эчтеке дей албай тура берди.

Ошондон баштап жүрөгүн өйүгөн бир нерсе анын жанын жай алдырбай өз түйшүгү анын жүрөк эңсөөсүн басып аргасыз жашоосунун күнүмдүк машакатын артына балдарына гана сүйүүсүн алмаштырмакка бел байлады. Эмилбек анын тынчын алып жолугууга күндө чакырып жүрүп акыры жолукмак болду. Ал үйгө келгенде Индиранын көзү ыйлагандай болуп шишип, үн дебей чыгып кетти. Аны күтүп турган Эмилбек жетип эле Болдуканды кучагына алды:

- Алтыным десе, сагынып кеттим, эмнеге жолукпай качып жатасың? Мен ойлонуп жинди болуп кала жаздадым, - кучактап алып аймалай кетти.

- Эмилбек, эмне болуп жатасың? Менин үйбүлөм, бала-чакам барын билесиң да, түйшүгүм да ошончолук көп, - Болдукан ага суз гана жооп берип анын кучагынан бошонууга аракеттенди, - Сен экөөбүз тең жаш бала эмеспиз. Сен өзүңө жаш, бойдок, сулуу келинди таап аласың, ушул курагымда балдарымдан безип бөтөн эркек менен ээрчишип кетишим болбойт, сен мени туура түшүн, - деди андан оолактай. Анан бир нерсени ойлоно калып, - Чын үйлөнөсүңбү? - деди.

- Ооба, жаным менен макулмун! - деп аны дароо кучактап калды, - Макулсуңбу мага күйөөгө чыкканга?

- Эмилбек, мен сага өзүмдү айткан жокмун, бир жакшы келин бар, ошого таанышсаң сөзсүз сүйүп каласың, - деди эле, Эмилбек кетенчиктей берди:

- Болдукан, бул сенин эмне дегениң? Мен сага гана үйлөнөм, башканын кереги жок!

- Жок, жо-ок, алтыным, көрөсүң го, ал келин акындар ырга кошуп, жазуучулар роман кылып, дастанчылар кылымдан кылымга айтып түгөтө алгыс сулуулардан, - Болдукан өзүнчө анын көңүлүн бургусу келип романтикалуу кылып айтып жатты, - Анын капкара көздөрү, узун кара чачы, кара кашы жомоктогудай сулуу! - деди эле Эмилбек ага нааразы боло отуруп алып:

- Сен менден качып калыпсың. Мейли анда, жолуктуруп көр. Арга жок, бойдоктуктан тажадым, - деди ойлуу.

Ошентип Болдукан өзүнөн өзү качкандай, ошол күнү Эмилбектин шагын сындырып койуп, үйүндөгү кызына жүрөгү ооруду…

Бир жолу дарбазадан кирип үйгө башбакты эле ичтен Индиранын телефон менен сүйлөшүп жатканын угуп токтой калды:

- Руслан, мени түшүнчү, менин бойумда болуп калыптыр. Сага мен тийбейм, окууга барышым керек, эч кандай андай болбойт, сени мен сүйбөйм, уктуңбу? - деп ыйлап атты.

Болдукан башына бирөө келтек менен чапкандай зыңгырап, көзү караңгылап туруп жыгылып кете жаздап босогого жөлөнө калды: "Курган жаным, ушуну тарбиялаганга алым жетпей калды, эми эмне болот, Артык укса эмне дейт, кантип басып жүрөм?" деп турганда Индира сөзжүн улай:

- Руслан, ата-энеңдин үйгө келишин каалабайм. Жакында шаарга кетем, ошол жактан алдырып салам да унутамын сени. Уктуңбу, сени унутам, эгер сен мени сүйгөнүңдө мындайга барбайт болчусуң! - деп шарак дедире трубканы койуп ыйлаган бойдон жатып алгандай болду.

Болдукан акырын кирип кызынын жанына отурду, Индира көмкөрөсүнөн түшүп алып солуктап жаткан:

- Кызым, ушуга жетпешиң керек эле, эми кеч, - деди саксайып кеткен чачтарынан сылай, - Мен сага жамандык каалабайм, жаштык кылып койдуң, эми атаңдын кадырын, менин жүрөгүмдү ая, намысты тебелебе, - деп буулугуп төгүп ийчү түнөргөн асмандай кабагы карыш түшүп өңгөчүн тартып алды, - Сен макул бол, андан башка жол жок! - деди да туруп кетти.

Эки күндөн кийин Индиранын кабагы жаркылдап кирип келди, кызынын бул турпатын көрүп ичинен кубанып алды: "Демек Руслан менен жакшылап сүйлөшкөн экен" деп ойлоп бирдеме демек болгондо Индира озуна:

- Мама, менин айта турган жаңылыгым бар, - деп жанына отуруп мойнунан кучактап алып өөп алды, - Мен Русланга турмушка чыгам!

- Мейли балам, азыр маалың эмес эле, айла жок. Атаңа коңгуроо кылалыбы?

- Жок-жок, мама, азыр койо туруңуз! - Индира коркуп кетти, - Русландын ата-энеси келип сизден менин колумду сурашат, анан мени алар алып кетет, ошондо айтыңызчы!

- Макул кызым, Руслан кандай адамдардын баласы экенин билесиңби? - Кызын сынай карады.

- Атасы совхоздо бухгалтер, апасы мугалим экен.

- Анда дурус, - Болдукан ойлуу тим болду.

Анан кызынын кийим-кечесин даярдоону ойлоду, келгендерди жакшылап тозуп алууга киришти.

Азат совхоздо бухгалтер, экономист, парторг болуп иштеп жүргөн. Аялы Сурма химия мугалими. Улуу баласы Русландын көптөн бери кабагы салыңкы болуп жүргөнүн сезген Сурма күйөөсүнө айтса ал тоготпой койгон.

- Балаң азыр ушундай куракта, боло берет.

- Койсоңчу, андай эмес, мунун бизге айталбай жүргөн бир сыры бар. Эркексиң, өзүң бир сурап көрсөң боло?

- Тим кой бир күнү оңолот, - деп чыгып кеткен.

Сурма уулунан эч нерсе сурай албады, жүрүш-турушунан өзүнчө сезип андан билгенге аракет кылды, бирок ал унчукпай койду. Бир күнү жанын койбой Азатты кыйнай бергенинен чын эле баласынын өңү азып чүнчүп баратканын байкап жумуштан келгенден кийин баласын чакырып алды:

- Уулум, менден эч нерсе жашырба, эмне санааң бар? Жашырбай айтчы, экөөбүз эркекче сүйлөшөлү.

- Эмнени айтам, жөн эле сурай бересиңби? - Руслан ордунан турмак болгондо Азат аны тургузбай:

- Отур, сен бир жаман ишке кабылып калгандан соосуңбу? - деди.

- Эмне дейсиз? - Руслан атасын таң калгандай карады, - Кандай ишке, сиз эмнени айтып жатасыз?

- Анан эмнеге түнөрүп, күндөн күнгө арыктап баратасың, ичиңдеги сырды айтпай эмнеге кыйналып жүрөсүң? Жакында окууга жөнөйсүң, тааныштарга дайындап койдум, экзамениң бүтүп аттестатыңды алаарың менен кетесиң! - деп ордунан турганда:

- Окууга барбайм! - деди Руслан.

- Эмнеге? - Азат баласын кайрылып карап калды, - Эмне дедиң?

- Окубайм, үйлөнөм!

- Эмне, эмне-не-е? - Азат баласынын бутунан башына чейин бир карап алып каткырып жиберди, - Үйлөнөм дейсиңби?

- Ооба! - Руслан жер караган бойдон күңк этти.

- Кимге, сага кайсы кыз тийем деп жатат? - Сынай карап туруп сурады.

- Индира.

- Ал кимдин кызы, канча жашта?

- Мени менен бир окуйт, Артык Салиевичтин кызы.

- Артык Салиевичтин дейсиңби?

- Ооба.

- Ал кыз сага тийем деп жатабы? - Ишенип-ишенбей сурады, - Жашыңар жете элек экенин билесиңерби?

- Жетти, аттестатты алгандан кийин паспорт алам, паспорт алгандан кийин үйлөнүүгө акым бар да? - Руслан дале дулдуя сүйлөп жатты.

- Кыз-зы-ык, Артык Салиевич жашы жете элек кызын күйөөгө бергенге шашкан эместир, экөөбүздү короосунан алыс кубалап, үйүнө бизди киргизбей койсо кантебиз? - Азат ары-бери басып ойлонуп калды, - Жакында Артык Салиевич министр болуп кетпедиби?

- Болсо эмне экен, Индира экөөбүз үйлөнөбүз деп чечкенбиз, - Руслан атасын ишендирмек болуп атты.

Азат ойлонуп калды:

- Ойлонуп көрүш керек уулум, сен кир үйгө, мен жумушка кеттим, - деди да жөнөдү.

"Демек министрге куда боломунбу? Жаман эмес, анын арты менен балким менин да көтөрүлүп кетишим мүмкүн, балам окуп алса аны да мансаптуу ишке орноштуруп койот, тезинен эч кимге билинбей Сурма экөөбүз барып сүйлөшүп келели" деп ойлонуп өзүнчө корстон боло түштү.

Кечинде келгенден кийин Сурмага айтты эле, ал:

- Жинди болдуңбу, анын үйүнө кызынын колун сурап барганыбызды уккандар "кошомат кылып атат, атайын жармашты" дешпейби? Азыр илгерки заман эмес, ата-энесине дагы сөз тийет, партия деген бар, өзүң дагы жумушуңдан кууласың. Андан көрө азыр ала качып эле алалы, андан кийинкисин көрөбүз, - деди.

- Андай болбойт, ич арадан сүйлөшүп бүтүрүп койобуз. Даярдан, үйүнө барабыз! - деди Азат аялына буйрук бере.

Сурма деле ичинен: "Министр менен куда болсок кандай жакшы. Кой, кийимимди даярдайын, жаман кийинип барсам байкуш деп ойлобосун" деп болгон алтындарына курбусунан бир шакегин, кайынсиңдисинин эки шакегин сурап тагынды. өзүнүн жакшы чынжыры бар, күзгүгө каранып алды, оозунда төрт алтын тишин жаркылдата министрдин аялы менен саламдашып аткандай сезип аябай даярданды.

Эртеси эртерээк Азат машинасы менен келип калды.

- Даярсыңбы?

- Даяр элемин, жөн эле бара берелиби?

- Жөн эле барабыз, азыр жөн сүйлөшүп калган. Ызаат-сыйды келинди киргизип алгандан кийин жасайбыз, отур эми, - деп эшигин ачканда Сурма жанына отурду.

Экөө өз-өзүнчө ойлонуп баласына ыраазы болуп баратты: "Кагылайыным десе, министрдин үйүнөн даам сыздыра турган болду. Биздин да төбөбүз көккө жетип сөзүбүз өйдө болуп калат" деп Сурма ойлосо, Азат: "Азамат уулум, түшкө кирбеген иш болду, жогорку кызматты ким эле эңсебесин. Кудамдын арты менен жок дегенде совхозго директор болсом да жаман эмес" деп ойлонуп баратты. Руслан ата-энесинин бара турганын Индирага чалып койгон. Болдукан конок үйүн сергитип, терезелерин ачып, тааныштарын чакырып казанын тапшырды:

- Коноктор келатыптыр, эки түр тамак жасагыла, тез-тез кирип ысык чай даярдап бергиле, мен өзүм чыкпайын, убара кылбагыла, - деди.

- Сиз айткандай болот эже, - деди Жайлоокан деген жаш келин ага жылмая.

Аңгыча үйдүн жанына жигули токтогондо Болдукан: "Демек аргам жок, менин кызымдын тагдыры чечилип жатат, эгер тынч күн болгондо ушуларды үйгө киргизбес элем го" деп ойлоп аларды тозуп алды:

- Келиңиздер!

- Саламатсызбы, - Азат ийиле колун сунуп, толмочунан келген сулуу, мансаптуу аялдан сүрдөй учурашты.

- Саламатсызбы? - Анын артынан Сурма дагы учурашты.

- Үйгө киргиле.

- Рахмат!.

Ээрчише кирип, Сурма үйдүн ичине таң калып да, суктанып да алды. Анткени анын үй ичи импорт буйумдарга толо эле, конок бөлмөсүндө столдун үстүнө толгон мөмө-чөмөнү, жер-жемиш менен таттууларга карап: "Ушундай өскөн кыз биздин төрт бөлмө үйүбүзгө көнөөр бекен, же Руслан бизди уят кылабы, кыз "сүйбөйм" деп койсочу?" деп Сурма өзүнчө жүрөксүп отурду.

Заматта алдыга чай келип, Индира аларга чай сунуп:

- Чай ичиңиздер! - деди.

Аны атайын жакшына кийинтип, Болдукан атайын үйрөткөн. Чай куйуп берип койуп, Индира акырын чыгып кетти. Сөз сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бербей Болдукан алардын алдына тамак койду. Азат: "Демек Индира Русланга макул экенин айткан экен, баарын билет" деп кымылдап отурду. Тамактын түрүн койуп сүйлөшүп отурушту. Көптөн кийин гана Азат сөзүн баштаганы тамагын кыра:

- Эже, биздин келгинибиздин жөнү мындай. Бизде бала, сиздерде кыз бар экен, "кызды сураганга, кымызды ичкенге бер" дегендей, баланын көңүлүн кыялбай астыңызга келдик, - деди.

- Ооба-ооба, балдар сүйлөшүп алышкан тура, не дейбиз анан, бала үчүн колдон келгенин жасоого далбастайт тура ата-эне, - Сурма күйөөсүнө кошулуп коштой кетти.

- Туура, келгениңерди түшүнүп турам, бирок биздин үйдө атасысыз эчтеме чечилбей турганын силерге айтып кеткеним туурадыр... - Болдукан кербездене аларга аста сүйлөп отурду, - Балдардын сүйлөшкөнү го мейли, бирок алар азыр өтө жаш, жашоонун өйдө-төмөнүн али түшүнө элек. Бир балалуу болгондон кийин же ага жетпей "жашообуз болбой калды" деп турушса биздин колдон эмне келет?

- Андай болбойт, уулум айтканынан кайра кайтпаган бала, өтө өжөр. Буйруса экөө тең окууга барышат.

- Мейли, мен телефондон атасына айтайын, анан жообун айтам.

Болдукан ичи ит талап турса да кызынын абийири, намысы үчүн аларды сыйлап ашыкча сөз айтпады. Кокус алардын сөзүн кабыл албай тескери кетсе кызынын тагдыры талкаланганы турат. Баарын ойлоп, ойунда калыстык менен гана чечмек болуп турду.

Болдукандын: "атасы билет" деген сөзү макулдугун бергени деп ойлонуп, бир жумадан кийин кызды ала качып кетишти. Азат министрге куда болуп жаткандыктан абдан жакшы даярданды, Болдукан кайнене-кайнатасына айттырды, өзүнүн апасын чакырды. Ошентип, кубалап барбай эле ортодон той өткөрүштү. Азат ага карабай кайра Болдуканды, чоң-ата, чоң-энесин, Асылбекти аялы менен коноктоп кадимкидей эле кийит кийгизип, алдына акча койду. Ошентип Болдукан кызын аргасыз күйөөгө берди.

Буларды угуп алып Артык абдан жинденди, кыйкырды, акыры макул болду. Бирок тойго келе алган жок, кыз-күйөөсүн шаардан тозуп алып окууга өзү дайындамак болду. Эне деген эне, эч нерсе айтпады, күйөөсү болсо да кызынын жаңылыштыгын өз атасынан дагы жашырып, бактысын гана тилеп койду. Мунирасы бир мүнөздүү, али ойноок, секелек бойдон.

Санаасы тынган Болдукан эми Анаркүлгө телефон чалды, андан мурунураак Эмилбек менен сүйлөшкөн болчу. Телефонду ала койгон Анаркүлгө:

- Кандайсың курбум, мен сени шаарга издеп келип таппай телефонуңду араң алдым, мени таанып жатасыңбы, Гүлмира эмесминби? - деди атайын үнүн өзгөртүп.

- Аа-а Гүлмирасыңбы, кандайсың? - Анаркүл кубана жооп кылып, - Каердесиң? - деди.

- Мен азыр агамдардыкындамын, эртең театрдын жанына менин агам барат, ошого жолугуп койчу, анан кеч кайра чалам, макулбу?

- Ма-акул, бирок агаңды тааныбайм да, кантип жолугам?

- Ал өзү сени таанып алат.

- Мейли.

Анаркүл ойлуу баласын кучактап: "Эмне жумушу бар болду экен, анын агасы мени эмнеге көргүсү келди?" деп ойлонуп отурду. Эртеси баласын көтөрүп алып Ош драмтеатрынын жанына келип эки жакты карап туруп калганда Эмилбек менен Болдукан экөө четкерээктен байкап турушту. Чачын эки бөлүп өрүп койгон, узун чачы, жарашыктуу кийинген мүчөсү карап турган Эмилбекке жакты: "Жаш аралыгы көп болсо жети-сегиз жаш экен" деп ойлоп аны көздөй жөнөдү. Ага Болдукан "Гүлмиранын агасымын" дегенди кайра-кайра эстетип карап калды. Экөө бир аз сүйлөшүп тургандан кийин Эмилбек Анаркүлдү ары көздөй ээрчитип жөнөгөндө гана "өх" деп алып үйүн карай кадам таштады: "Туура кылдым, экөө тең бойдок, Эмилбек аны жакшы күтүп алат. Артыкка да "балаңа бирдеме бер" деп айталбай калат" деп ойлоду.

Болдукан жашоосуна ыраазы: балдары чоңойуп калды, бул турмушта адам жашоосунан канааттанганда гана бактылуу экенин сезет эмеспи. Болдуканга мындан башка бакыттын кереги жоктой туйулду. Канчалык жандүйнөсү ээнсиреп турса да өзүн жооткото балдарына гана таяныч кылып кетип жатты.

***

Баласын жоготкондон кийин Эрнис өтө эле санаачыл болуп кетти, аялы экөөнүн мамилеси өзгөрбөгөн менен ортолору алыстап бара жаткандай. Баласы болбогондон кийин Карлыгач да тургусу келбей калды. Өзүнө өзү таңгалып алат: "Мен деги кандай жанмын, мени сүйгөн адам жанымда турса да, бирөөнү сүйгүм келип андан качтым. Жадагалса балдарыма мээримимди төгө албадым. Эми өзүм "сүйөм" деп ээрчип келген адамдан да качып кайдадыр кетким келет - деги мени бул туйумум кайда, кандай нерсеге туш кылаар экен?" деп ойлоп отуруп Эрниске ачык эле айтып кетүүнү ойлоду. Ансыз дагы Зымырат келген сайын: "Отузга чыгып калдың, балалуу болсоң болбойбу! Биз сенин балаңды көрсөк дегенде ак эткенден так этип жүрүп өтүп кетет окшойбуз, бул аялыңды кетирбесең жарыбайсың балам. Анын кара жолтойлугу бул ирээт баласына көрүндү, сен мындан жакшылык деле таппайсың" деп какшанып атып кетет.

Эрнис да өтө кыйналды, эмне кылаар айласын таппай жүргөндө ага цыган аял дагы жолугуп:

- Сенин аялың жаман, ал сени сүйбөйт, зыяны бар, тез ажырашпасаң өлөсүң! - деп басып кетти.

- Эжеке! - деген бойдон кала берди Эрнис.

үйүнө келсе Карлыгач тамагын жасап алып күтүп отуруптур.

- Келдиңби, мынча неге кеч, Эрнис? - деп койду бир нерсеге алагды болуп жатып, - Сени күтүп тамак ичпей...

- Келгеним ушул болду, мага күтпөй иче бербейт белең? - Эрнис ал сөзүн бүтө электе эле айта салды, - Эч качан күтпөш керек, - деп күлүп да койду.

- Кантип, жалгыз иче албайт экенсиң, анын үстүнө эртең мен апамдарга барып келсемби дегем.

- Аа-а, барсаң барып кел.

- Сенден сурап албасам, издеп жүрбө? - Сынай карап жооп күттү.

- Эмнеге айтпай кетмек элең? - Эрнис ичиндеги кыжаалат болуп турганын байкатпаганга аракет кылып кучактап алып өөп койду, - Сен кетип калсаң мен кантем, жаным?

- Адам баарына көнөт да, Эрнис. Ата-энеден бала бөлүнөт, адамдар бир кезде ысык болушат да, кайра сууйт, - Карлыгач анын кучагында термелип туруп ойлуу Эрнисти карады, - Сүйүү өчпөйт дешет, кийинки кездери мен сүйүүгө ишенбей калдым. Кадимкидей таза сүйүү болду бекен дүйнөдө, же менин жүрөгүм жинди жүрөкпү, кимди сүйөөрүн билбеген?

- Ой бир кызык жансың да. Кой эми, экөөбүз "сүйүү, сүйүү" деген менен акырына чыга албадык. Сүйүү жок эле сыйлашып жашай береличи берекем, ээ? - Эрнис аны акырын гана жаагынан өөп койду, - Жашоонун өзү кызык, жаным. Негиздеп чыккан эч ким жок, экөөбүз эмнени чече алабыз? Көп ойлонбой жашоону өткөрө берели, - Арадан өткөн эки жыл аларды алыстатып бараткан эле, - Алыс болуп аз убакыт өзүбүзчө жашасак убакыт көрсөтөөр, сагынышабыз, издешебиз, - деп ойлуу улутунуп алды.

Ал азыр анын төркүнүнө барам дегенин түшүндү, тим койууну туура көрдү. Эртеси Карлыгач кийимдерин алып кетти. Кайрылбас болуп кетээрин айткан да жок. Экөө үнсүз гана коштошушту: "Ооба, - деп алды Эрнис, - Адамдар бир кезде абдан ысык болушат, кайра тез суушат" деп улутуна узатып кала берди..

"Балким ушул бойдон көрүшпөйбүз, аман болсоң эле болду" деп Карлыгач ичинен аны аяп кетип баратты.

Анын кетип баратканын карап туруп, Эрнис мындан үч жыл мурун төрөтканадан артынан келип ийинден ала тартканда көздөрүн жалжылдата өзүн корккондой карап турган жаш келинди көз алдына келтирип жылмайып алды: "Жинди жүрөк" деп койду. Анан кайра: "Ырас эле таап айтылган экен, токтоло элек жинди жүрөк экемин" деп, Карлыгачтын карааны көрүнбөй калгыча артынан карап туруп, анан жумушуна жөнөдү: "Бактылуу бол берекем, сени эч качан унутпайм. Биздин тагдыр жолубуз кыска экен, түбөлүк бирге боло албадык. Тоскоолдуктар сени муздатып салды окшойт, аман жүрсөң чоң бакытка жетээрсиң". Ал артына кайрылып карап алды, машина өткөнбү, айтор Карлыгачтын карааны көрүнбөдү. "Кетти" деп улутунуп ийди...

Карлыгач түз эле таанышынын үйүнө барды. Кечээ күнү ага жолугуп сүйлөшкөн эле. Ал курбусу менен чогуу ал иштеген жумушка кирип алды. Бара-бара ал өзүн эркин сезип, көңүлү көтөрүлүп күлкүсү чыга баштады. Алина дагы абдан ачык, шайыр кыз, ал күйөөгө тийе элек. Атасы жок, жалгыз апасы экөө шаардын ичиндеги өз үйүндө жашашат. Карлыгач эч ким менен сүйлөшпөйт, эркек аттууну караса эле сүйүп калчудай корко берчү болгон. Эрте кетип кеч келип Алина экөө иштеп жүрүп, Алина жигитине турмушка чыкмак болду. Апасы ыйлап-сыктаган менен кызынын бактысын тилеп, жалгыз калаарына кайыл болуп турду. Белгиленген күнү жигити Канатбек Алинаны үйүнө алып кетти. Үйлөнүү тойун өткөрүп, бирге иштешкендерин чакырып Карлыгач дагы анын үйлөнүү тойунда ырдап-бийлеп бирге болду. Канатбектин ата-энеси Коймол апаны жакшылап сыйлап кийит кийгизди, туугандарына кошуп коноктоп калыңына бир топ акча койду.

Алина күйөөгө тийип кеткенден кийин Карлыгач өзүн жалгыз сезип Коймол энеге жакындап, эне-баладай экөө чогуу отуруп чайын ичип жатып алышат. Карлыгач көбүнчө жумушта болгондуктан алар эртели-кеч кана жолугушат.

Арадан билинбей үч жыл өтүп кетти. Карлыгач бул кезде такшалган адам болуп чыга келди. Айылга барып балдарын көрүп, жолугуп да келди. Эрниске кайрылып барбады. Иштеп тапкан акчасын айылга жөнөтүп, шаардан кеткиси келбей жүрө берди. Жумуш менен алаксып жүрүп ал жашынын отузга келип калганын да байкабады. "Мени жинди жүрөгүм бактысыз кылды, эх жашоо, Эрнистен кеткениме сегиз жыл болуптур, ал үйлөндү бекен, үйлөнүп балалуу болгондур" деп ойлонуп алды. Анан чечилип, Алина келгенде ага айтып туулган күнүн өткөрмөк болду. Коймол бул кезде өтө карып калган, Алина ага тез-тез келип кабар алып турат. Күйөөсү экөө абдан ынак, эки балалуу болуп калышкан. Карлыгач туулган күнүнө даярданып, Алина экөөнүн жаны тынбады. Иштеген жериндеги эки үч курбусун чакырып койгон. Шарактап дасторконду кең жайып, өзүнө арналган жакшы сөздөрдү угуп телмирип отуруп жылмайып алды: "Мен жинди жүрөкмүн" деп.

- Кана Карлыгач, - ал ойлонуп отурганда Канатбек колундагы стаканды көтөрүп аны жылмая карады, - Сени туулган күнүң менен куттуктайм, кезектеги бактылуу жигитке туш болуп ар дайым тилегиңе жет!

- Рахмат, - Карлыгач ыраазылыгын билдире карап башын ийкеп койду.

- Туулган күнүң менен!

- Туулган күнүң кут болсун!

- Карлыгач, бактылуу бол, - дешип ар бири каалоосун айтып стакан кагышып жатты.

Шатыра-шатман болуп ырдашып, эки экиден бийлеп көңүлдүү отурушту. Үйдүн ичинде бажырайган букеттер ого бетер көңүлдөрүн көтөрүп, улам бири сүрөткө тартып, каалаганча отурушту. Ал күнү кеч болуп, ал жерге түнөп калып, эртеси чогуу жумушка кетишти.

Карлыгач жашоого эт бетинен киришип иштеген жеринен бир бөлмө үй алды. Үйдүн ачкычын тапшырганда чогулуш болуп, чоңдор келген экен. Карлыгач чогулушта сүйлөп ага тааныштары, курбулары гүл берип кубанып турганда үйдүн ачкычын тапшырышты. Ошол чоңдордун ичинде Артык дагы бар эле, ал бир көрүп эле Карлыгачты жактырып калды. Улам анын сүйлөп жатканын, ачкычты алганда кубанычтан жадырап чыккан жүзүн, жайнаган көздөрүн элестете берип, Артык эсинен тангандай болду: "Мен Болдукан менен ажырашам, сөзсүз ажырашам" деп үнүн чыгара сүйлөп да жиберди. Эки-үч күн өзүнчө кыйналып жүрүп анан заводго шоопурун жиберди. Ал келип туура өзүн таап Карлыгачка жолукту да:

- Сизди министр чакырып жатат, - деди.

- Эмнеге? - Карлыгач аны таңгала карады.

- Барганда көрөсүз, тезирээк болуңуз, - деди акырын.

- Кызык, мен жумуштамын да?

- Аны билбейт экемин, эч нерсени айтпаңыз да, башчылардан жооп сурап чыгыңыз, мен сыртта күтөм, - деп ал басып кеткенде Карлыгач бир азга ойлонуп туруп анан кайра чыкты.

Алар бат эле келип калышты. Тынчы кетип турган Артык ал киргенде ордунан тура калып:

- Отуруңуз! - деди.

- Рахмат, - Карлыгач унчукпай бул адамдан сүрдөп отуруп калды.

- Карлыгач, эгер макул болсоң мен сени башка жумушка орноштурайын дедим эле?

- Кандай жумуш?

- Мм, эмне десем, мисалы сага жеңил боло турган... - Ал келинди карап жылмайып койду, - Жолдошуң барбы?

- Жок.

- Аа-а, балдарыңчы?

- Балдарым.. балдарым бар, ата-энемде.

- Эмесе мындай, мектепке китепканачы болуп иштеген жагабы?

- Аа-а, ал үчүн окуш керек го, менин билимим деле жок, - Карлыгач ыңгайсыздана жооп берди.

- Мейли аны ойлонобуз, сен азыр шофёр менен бир жерге барып тур, - деп койду да телефон менен сүйлөшүп калды.

Сыртка чыгаары менен шоопур Карлыгачты машинага отургузуп жөнөдү. Карлыгач унчукпады, "Эмнеси болсо да көрөөрмүн, балким багым ачылып кетээр, жакшыга жанаш, жамандан жаа бойу кач деген эмеспи, оңой адам министр болмок беле, жок дегенде убактылуу пайдаланып алайын, мындай адамдын каш кагышына зар болуп жүргөндөр канча, он жылдан бери күнү түнү иштеп деле жыргап кетпедим" деп ойлоп кетип жатып машина токтогондо эсине келип эки жагын караса айылдын четинде кооз салынган дачага келишиптир. Шоопур түшүп үйдү ачып берди да:

- Эс ала берсеңиз болот, мында баары бар, - деп койуп чыгып кетти.

- Жалгыз... - Карлыгач бирдеме демек болгондо:

- Шеф келгенче күтөсүз, балким тез эле келет, - деп койуп, шоопур кетип калды.

Дача абдан кооз, ичинде баары бар экен, тим эле киши жашагандай. Көз уялткан креслолор, түркүн килемдер, терезесинде адамдын көңүлүн сергиткен көгүш пардалар, чай иччү столдун үстүндө эми эле бирөөлөр отуруп чыккандай жемиштер, түрдүү оокаттар турат. Андан ары кирип барса спальный бар экен. Сол жаккы каалгасын ачса, анда ваннасы, туалети: "Бул жерге менден башка канча кыздарды алып келет болду экен? Кызматынан пайдалангандарын кара, мен го мейли, жаш кыздардын далайын уйпалагандыр" деп жазы маңдай, кырдач мурун, сүрдүү көрүнгөн министрди көз алдына келтирип алып өзүнчө жыйрылып алды. Анан ваннага түшүп сергип алууну ойлоп кирсе баары бар экен. Жуунуп алып анан сыртка чыгып таза абада ары-бери басып жүрдү. Ошол убакта машина токтоду, андан түшүп бери көздөй басып келаткан министрди көрүп, Карлыгач былк этпей туруп калды. Шоопуру кайра артка кетти, аны карап ого бетер эмне кылаарын билбей турганда, министр:

- Кандай Карлыгач, зериккен жоксуңбу? - деп өзүн көздөй келатты.

- Жок.

- Бул жер абдан ы?гайлуу, анча-мынча көңүл чөккөндө биерге келип көңүл көтөрүлүп калат, сага жактыбы?

- Жакты, эң сонун экен. Бирок, агай, эмнеге мени бул жерге алып келгениңизди билсем болоор бекен?

- Шашпа карындашым, адегенде чайлашалы, эс алып отуралы, анан сөзгө өтөбүз, - Артык сырдуу жылмайып койду, - Сөздү баштаардан мурун ойлонуп алганыбыз оң го дейм?

- Сиз мени кызматыңыздан пайдалангыңыз келип турат го. Менин ар бир саатым кымбат турат, ошол тапканыма жашап жүргөн бирөөмүн, сиз карапайымдардын жашоосун ойлобойт да чыгаарсыз? - Карлыгач ичинен кайыл болуп турса да андан кандай сөз чыгаар экен деп күтүп калды.

- Карлыгач, мен өзүм да карапайым адамдардан чыккам, менин атам өмүр бойу жылкычы болуп келген, мени окутуп-чокутуп, эрезеге жеткирген, - Артык Карлыгачтын жанына келди, - Менин минтип кыйналып отурганымды сезгендирсиң Карлыгач. Мен жумушта гана министрмин, а жөнөкөйдө көп адамдын биримин. Айрыкча аялдын, жүрөккө жаккан аялдын алдында көпчүлүк эркек катары гана бир пендемин!

- Кечиресиз, - Карлыгач унчукпай сай тарапты карап суунун агымына көз жүгүрттү, - Менин убактым жок эле?

- Убакыт курусун, тирүү пендеге убакыт табылышы кыйын, өлсөң баары бүтөт.. Баса, мени Артык дей берсеңиз болот, - деди.

- Аныңыз туура, сөзүңүздү баштасаңыз...

- Карлыгач, сулуу аялдын алдында падышалар, хан менен бектер, ал турсун баш кесерлер дагы алсыз келишет, аялдын ушундай бир касиети бар экен... - Артык эки колун артына алып, - Эркек аттууну арбап алдына чөгөлөтүп келет. Билсең, мен дагы сенин алдыңа чөгөлөөгө даярмын!

- Кантесиз, - Карлыгач уялып кетти, - Сиз мени бекер эле азгырып атасыз, мен жөнүндө билбей туруп "чөгөлөйм" дегениңиз кызык? - Карлыгач ары карап туруп, - Мени өз жайыма эле койуңузчу?! - деди.

Артык унчукпай калды, тек аны тиктеп көз алдынан Болдукан менен Анаркүлдү өткөрүп: "Мен сүйүүгө эч ишенчү эмесмин, сүйүүнүн ушундай керемет сырын билбей жашап жүргөнүмдү кара! Болдуканды ата-энемдин сөзүн эки кылалбай алдым эле. Анаркүлгө эс алганы гана барчу элем, төрөп алып мазамды кетирди, андан зорго кутулдум. Мен эми Болдуканга телефон чалып айтам, ажырашам" деп турду ушул кезде өзүнө ант берип.

Аңгыча кызмат машинасы келип токтогондо шоопуру эки жагына эки чоң баштык көтөрүп ашканага кирди. Артык Карлыгачты карап аста басып келди да:

- Жүрүңүз, - деп колун сунду.

- Рахмат.

Карлыгач ага колун бербей эле катар басып үйгө киришти. Ибрагим абдан жакшы жигит, Артыктын айтканы менен болот, азыр дагы дүкөнгө барып баарын көтөрүп келди. Көбүнчө шефи мындай жерде жүргөндө оозуна бек болчу, эми Артык менен деле ошондой. Ал министр болуп келгенде кээ бир кол алдындагыларын которуп жаңылаган менен шоопурун тим эле койгон, иштетип жатат. Ибрагим Артык менен сүйлөштү да кетип калды.

Ал Карлыгач экөө ээрчишип жарык, таза бөлмөгө киргенде Карлыгач аябай таң калды. Жана көргөн столдун үстү кайрадан жаңы тамак-ашка толуп, бүкүлү бышырылган тооктун эти менен койкойгон коньяк турат.

- Отур Карлыгач, отура гой! - деди Артык орундукка колун жаңсай өзү отуруп жатып.

- Рахмат, - Карлыгач коомай отуруп алдындагы тамактарды көрүп туруп кардынын ачканын сезди.

- Кел, тамакка карайлы, - Артык вилка менен бычакты алып тоокту бөлө баштап, - Айылда кой сойуп жиликтегенди жакшы билчү элем, эми тоокту сойо албай жатам да, - деп күлүп калды.

- Унута баштасаңыз керек да, - Карлыгач дагы күлүп койду.

Анын ушул учурда эч нерседен кайра тартпай турганы өзүнө гана белгилүү, баарына кайыл. Ансыз дагы он жылдай убакыттан бери өзүнө өзү нааразы болуп, эркектерди жек көрүп, жалаң ишине алаксып күн көрүп келди. Эми көңүлү ачык, жадырай карап, Артык Салиевич менен көңүлдүү сүйлөшүп отурду. Артык коньяктан стакандарга куйуп тооктун этинен тарелкага салып алдына жылдырды, анан стаканды колуна алып:

- Эмесе сиздей сулуу менен таанышканыма абдан кубанычтамын, сиздин денсоолугуңуз үчүн алып койолу! - деди ага карап.

- Денсоолук үчүн, - деп койду Карлыгач, - Сиздин дагы дениңиз сак болсун!

- Рахмат, - Экөө тең алып ийип отуруп калды.

Көпкө чейин тамактанып отурушуп анан колдорун майлыкка аарчып кайра колжуугучка жууп келип, эми чай ичип отурушту. Бир бирин караганда көздөрү чагылыша түшүп кайра башка жакка тигилип көпкө отуруп, анан Артык:

- Билесиңби Карлыгач, мен сени азыр сүйүп калдым десем балким күлкүң келээр, бирок чындыгы сени көргөндөн бери тынчым кетти. Отурсам-турсам да көз алдымдан кетпей койдуң. Чакыртып бир ооз сүйлөшүүгө аргасыз болуп, мына минтип маңдайыңда отурам, - деди күлмүңдөп анын карегине көздөрүн кадай, - Сен капа болбодуңбу?

- Капа болгондо, болбогондо не? Сиздей улуу да, бийик дагы адам өзүн кичик кылып чакырып отурса, мендей карапайым жумушчуда не арга, капа болуудан алысмын, кадырыңыз жан болсун!

- Ой азамат десе, - Артык ойлуу ага тигиле, - Карлыгач, сүйүп тийдиң беле күйөөңө? - деди.

- Мен сүйүү деген эмне экенин билбейт окшойм. Сүйүү кандай нерсе, ачуубу же таттуубу, акпы же көкпү, бийикпи же паспы, башым жетпейт...

- Сендей сулуу кыз сүйүүнүн даамын далай ирээт таткандыр деп ойлодум эле... - Артык негедир купуя кызгангандай карады, - Сизди сүйбөгөн адам болбосо керек?

- Сүйүп, сүйүүнүн кадырына жете албаган соң, сүйүп эмне кереги бар? Сүйүү назик нерсе, бат сынат, бат мокойт, бат өчөт кадырына жете албаса.

Таш эрийт ысык сүйүү илебине,

Жактырууну сүйүү деп эсептебе.

Сүйүүнүн кадырына жете албасаң,

Күчкө салып жүрөгүңдү кыйнай көрбө, - дегендей, сүйүүнү билбеген соң сүйүү жөнүндө сүйлөп не кылам? - деп Карлыгач ойлуу телмирип калганда Артык:

- Карлыгач, ыр жазасыңбы? - деди.

- Жазам деп калем кагаз кармабайм, кээде жандүйнөм кыйналып кеткенде кандайдыр бир саптар өзүнөн өзү келе калат.

- Жакшы экен. Эмесе Карлыгач, мен бир ооз гана сөз сураганга уруксат бер?

- Айтыңыз, - деп Карлыгач: "Эмне дейт болду экен" деп ойлонуп калганда:

- Башым ачык дедиң, ээ? - деп Артык аны тикирейе карап калды.

- Ооба, башым ачык, - деп Карлыгач күлүп койду.

- Анда мындай, мен сага сунуш кылам, сен мындан ары иштебейсиң, баарын өзүм даярдап берем, үйдө гана отурасың, бир ай убакыттын ичинде мен бүт бүтүрөм дагы, сага үйлөнөм! - деди Артык. Карлыгач уккан кулагына ишене бербей аны таңгалгандай карап тура берди, - Сен мага ишенсең болду, баарын сен үчүн жасайм!

- Бекер кылып жаткан жоксузбу, өкүнүп калып жүрбөңүз, - Карлыгач саал жылмая карап туруп калды, - Менден бир нерсе издеп жатасызбы? Мен муз жүрөкмүн, жинди жүрөкмүн, мен сүйө албайм!

Артык:

- Андай дебе, жаркыным, сүйүп кетесиң. Мен өзүм сени сүйүп калдым, мага мүмкүнчүлүк бер, суранам! - дегенде Карлыгач көзүн жумуп жиберди. Кирпик арасынан сызылып чыккан мөлтүр жаш анын эки бети ылдый тамып көкүрөгүнө тамганда апаппак денесине суунун мөлтүр тамчысы сыяктуу жарашып турду.

Ал ошол калыбында көпкө отурду, Артык анын бойомосуз кирпиктери төгүлүп турганына суктанып маңдайында чебер сүрөтчү тарткан ажайып сүрөттү тиктеп турган сымал оозуна сөз кирбей карап турду... "Кечиккен махабатым" деп алды ичинен.

Болдукан Артыкты "качан көчүрүп кетээр экен" деп күтүп жүргөн. Теңирден тескери чыккан ойуна жини келип кыжаалат болуп турду азыр, көздөрүнө эзели жаш албаган ал ушул азыр буулугуп ыйлап турду: "Мен бактысыз, мен ары жок, ага ишенип, аны сыйлап жүрбөйүмбү" деп ызаланып жатты. Анткени Артык эртең менен эрте телефон чалып ага ажырашууну сунуш кылды. "Эртең барам, арызга кол койуп кой, экөөбүз чогуу барып бүтүрөбүз" деп телефонду койгондо Болдукандын жүрөгү үзүлүп кеткендей өңгөчүн тарта отуруп калды: "Ушундай болмок! Мен аны канчалык көтөрмөлөбөдүм, аял катары ага канчалык жакшылык кана каалабадым" деп дале көзүнүн жашын тыялбай жатты.

Эки күндөн кийин Артык түн киргенде келип калды. Келээри менен:

- Сен мага капа болбо жаным, мен аргасызмын. Балдарым турат, сени таштабайм, шаарга көчүрүп барып каалаганыңды алып берем, бирок сен жок дебе. Мен аны менен закондуу түрдө үйлөнүп жашашым керек! - деди аны карабай туруп.

- Ушул акыркы чечимиңби?

- Ооба, акыркы!

- Макул, экинчи менин эшигимди аттабайсың!

- Эмнеге?

- Ошол, арызды мен өзүм жазам да ажырашам. Дагы бир жолу кең пейилдик кылайын, ажырашсаң ажыраш, ансыз деле күйөөм деген атың бар. Ырас, багып жатасың, бирок эри жок аялдай эчен түндөрдү тиземди кучактап жалгыз өткөргөнүм жалганбы? Жалынып-жалбарып жашай албайм, - Болдукан ага көз жашын көргөзгүсү келбеди, мисирейип карап отурду да, - мен керек болгондо телефон чалам, айтканымды эки кылбайсың, кокус жумушка бирөөнү сунуштасам каршылык кылбастан аткарасың!

- Болуптур, айтканыңды аткарам!

- Анда сүйлөштүк, сен кол койуп кете бер, мен өзүм бүтүрүп телефон чалып койом! - деди да Болдукан чыгып кетти, аны чай ич, отур дебеди, кайда барсаң анда бар, дегендей салкын болуп койду. Артык да унчукпай актай барактын этегине кол койуп койду да жөнөп кетти.

Арадан бир ай өткөндө алардын никеси бузулду. Болдукан телефон чалып айтып койду да, кошумча:

- Артык, жакында менин иним барат, жумушка орноштуруп койо аласыңбы? - деди.

- Келе берсин, - Артык арытан жооп берди.

- Жакшыраак жумуш болсун, ээ?

- Сөзсүз, - Артык ушинтти да телефондун трубкасын шарак эттире койуп койду.

Ошону менен сөздөрү бүттү. "Аргам жок, эркек каалаганын кыла берсе жарашат экен, балдарым үйлөнүп, кызым күйөөгө тийип калганда кантмек элем, эч кимге билгизбей жашай берейин" деп ойлоп, Болдукан кайраттанып алды.

Карлыгач ушул ирээт бактысына ыраазы болуп турду, Артык ага үй толтура буйумдарды алып берип, ал өз каалаганындай жашап калган. Конокторго ар убак ээрчитип алат. Ата-энесине Артык алып барып келди. Кармышак менен Күмүштүн сүйүнгөнү бир башка, "ордун таппай калабы?" деп жүргөн ата-эне кызынын бактылуу болушун тилеп, күйөө баласын килейген кой сойуп сыйлады. "Жаныма эрмек болот" деп, Карлыгач Исламды алып кетип калды. Ал бир топко көнбөй жүрүп анан апасына көнө түштү.

Ошентип Карлыгач эми гана өз сүйүүсүн тапканына эми көзү жетип калды. Анткени жүрөгү кандайдыр тынч алып бейкапар болуп калды. Азыр ойлосо Эрниске жолугуп аны менен жашаганда деле тынч ала албай бирөөнү күткөн сымал ээлигип, бир башкача боло берчү: "Неге, мен сүйүүмдү таптым го, неге минтип жатам?" деп өзүнө өзү суроо берип, бирок жооп таба алчу эмес. Азыр жүрөгү ойдогудай гана бейкапар согуп калды: "Менин жинди жүрөгүм ушул чоң бакытка мени жолуктурууга ээлигип жаткан тура, мен бактымды таптым" деп Карлыгач өзүнчө жылмайып алды.

Артык үйбүлөсүн шаарга көчүрүп келип алды, бирок жашоосу башка. Артык Болдукандын ушунчалык көтөрүмдүүлүгүнө ыраазы болуп, аны эч нерседен кем кылбай, балдарынын ар кандай жакшылыктарында чогуу болот.

Карлыгач буга макул, ал бул жашоодо ар кандай кызыктар болуп өзгөрүп тураарын, адам баласы баарына чыдоого туура келээрин алда качан сезип, тагдырына баш ийип калган. Айылдагы элдин бир кыйла ызы чуу болуп, Карлыгачтын министрге күйөөгө тийгени тууралуу кеп-сөз болуп барып токтогонун ата-энеси көрүп билип турду. Алар ага терикмек турсун сыймыктанып алышты. Анткени анын арты менен Карлыгачтын эки агасы чоң кызматка көтөрүлүп иштеп жатышкан. Ар жума сайын эшигине машина менен ар кандай белек-бечкек, оокат-аш келип турат, ата-энесине кийбегенди кийгизип, айылда алардын кадыры абдан жогорулап, анча-мынчалар аларга балдарын кызматка көтөрүү үчүн сүйлөшүп да келип турушат. Алардын айтканын Карлыгач аркылуу ишке ашырып койсо тартуусуна кой, тай, жылкысын жетелеп келишет. Ошентип ата-эне кызынын бактысына ыраазы болуп, көңүлү тынып жатып калышты.

Эрнис болсо Карлыгачты унуталбай ойлоп жүрүп, акыры эки жыл мурун үйлөнүп, балалуу болгон. Эрнис Карлыгачтын күйөөгө чыкканын угуп абдан кубанды. Жумушунда отуруп көпкө мелтирей: "Жинди жүрөгүм десе, акыры бактыңды таапсың да! Менин сени кандай гана сагынганымды билесиңби?! Аа-а мейли, жаным, бактылуу болчу, сен ошондой чоң бакытка татыктуусуң" деп ойлонуп жылмайып алды: "Тобо-о, бир шаарда жүрүп издеп таппадым, балким мени көрсө качып жүргөндүр? Мейличи, өткөнгө өкүнгөндө не, мен эми сени бийик бактыга жеткирген кудайга ыраазымын," деп ойлору чаржайыт болуп, үйүндөгү аялы менен баласын көздөй шашылып жөнөдү.

Болдукан ошол бойдон жашоосуна бирде ыраазы болсо, бирде нааразы болуп, тагдырына тан берип отуруп калган. Анткени улуу баласы Асылбектин эки баласы анын жанында, кечке аны убара кылып тентектик кылышып суй жыгат. Индирасы болсо бир балалуу болуп бактылуу жашоодо. Эки уулу чоң окууда окушат. Мунира онунчу класста окуп калды. Телегейи тегиздей көрүнгөнү менен, Болдукандын өкүнүчү тереңде жаткандай сезилет. Кээде Эмилбекти ойлоп калат да өзүнүн туура кылганын түшүнөт. Ошентип билинбеген менен быты-чытысы толгон жашоодо, бир келген өмүрдө токтоолук гана жеңээрине Болдукандын көзү жетти. Каныбеги үйлөнүп калды. Ошол тойдо Артык атайын Карлыгачты Болдуканга тааныштырмак болуп ээрчитип барды. Болдукан Карлыгач менен аял менен аял, эне менен эне баарлашкандай бир топко маектешти. Экөө бир бирине ыраазы болду. Асылбек атасынын бул кылыгына адегенде түшүнө албай кыжаалат болгон менен, акыры тим болду. Үйлөнүү тойду бакыт үйүнө баруу менен баштап, андан кийин Болдукандын жашаган жерине конокторду чакырып, болуп көрбөгөндөй чоң той болду. Тойдун акырында, эл кетип өздөрү калып балдары өз бөлмөлөрүнө кирип кеткенде Болдукан Артык менен бетме бет сүйлөшүп отурду.

- Артык мен сага ыраазымын, сенин аялың деген эле атым болбосо койнумду толтуруп жанымда жай жатпадың, жарпымды жазып маңдайымда отурбадың, - Ал буулугуп ыйлап турду, - Болгону эне деген атка жеткирдиң, эми Карлыгачты күнү-түнү күттүрүп куса кылба, ал дагы мен окшогон аял, анын да эңсөөсү, сенден күткөнү бар, чындап келгенде мынабу алтын-күмүш менен жансыз дүнүйө эркек менен аялдын тартуулаган ырахатын бере албайт, сен эми аны күттүрбөй жанында көбүрөөк бол!

- Асылзаадам менин, сага ыраазымын, - Артык аны жеңил гана кучактап турду, ушул кучактын өзүнө кандай ырахат берээрин сезип, Болдукан көзүн жумуп тура берди, - Билесиңби Болдукан, мен аны дүнүйөдө эч бир кайталангыс, кайрып алгыс таза сүйүүм менен сүйдүм, менин кечиккен махабатым, өмүрүмдү балкыткан, көңүл ойумду балкыткан улуу махабатка кабылдым... - Артык аялын бекем кучактап алып өз сүйүүсүн айтып турду. Ап азыр дүйнөдөгү бактылуу адам болчу, анткени эки аял бир бирин түшүнүп, Артыктын кадыр-баркын түшүрбөөгө аракет кылып, аны сыйлап турушат. Ага андан өткөн бакыттын не кереги бар эле...

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз