Айгүл ШАРШЕН


"Кекти жеңген махабат"


- Туугандар, өзүңөр билесиңер Аалы агамды, кокустук болуп аялы экөө тең авариядан нават болду эле, эми иним чоңойуп калды, өзүнүн үйүнө ээ болсун деп алып келдим.

- Туура кылгансың балам, өлгөндүн артында аны эскерээри, куран окутуп ызаат кылаары болсо жакшы эмеспи, - деди айыл аксакалдарынын бири.

- Анан эмей, байкуш Аалы менен Кушум жаш эле өлүп калбадыбы, ажал экен да-а, - Бермет шыпшынып алды.

- Анда мен үйлөнө элек эмес белем, Ырысбекти карай албай койгонумда балдар үйүнө берүүгө аргасыз болдум, - Жоробай өкүнгөнүн билдире башын сыйпалай отуруп калды. Ырысбек он алтыдан он жетиге караганда айлына, атасынын түтүн булаткан үйүнө келип эки жагын тазалап жүрдү. Үйдүн кунары кетип, ар жери кулап, кичинекей терезелери сынып, эшигинин алдын чөп басып кеткен. Тегерете тозулган кашаалары кыйшайып сынып жыгылып чөп арасынан көрүнбөйт. Беш алты түп алма, өрүгү түйгөндө айылдын балдары жабылып кирип көгүндө эле жеп койо турган. Жоробай агасынын үйүнөн бир топ алыс айылдын ортосунан жер алып үй салып алган. Үйлөнүп балдарынын алды он бирге чыгып, үч баланын атасы болгон. Аялы Уялкан абыдан жоош, мээримдүү келин. Жоробайдын айтканынан чыкпайт. Ырысбекти өз балдарындай эле кабыл алып камкордук кыла баштады. Ырысбек иштемкор (ушундай да сөз болсо биринчи угуп жатам) бала, эртели кеч барып өзүнүн үйүнүн үстүн ачып, дубалын бийиктетип уруп, Жоробайдын жардамы менен оңдоп, тегерегин тозуп, алма багын сугарып жаны тынбай өз келечегине кам көрө баштады. Айыл эми аны мактап шыпшына койуп жатты.

- Бечара Аалынын баласы эстүү болуп чоңойуптур, атасынан калган үйдү оңдоп койду, - деп бири айтса:

- Ооба десең, жетимканада өссө да эси бар экен, келгени жаны тынбай үйүнө келип Жоробай карабай койгон үйдү оңдоп жатат, - Экинчиси аны коштоду.

- Бечара десең, талтаңдап ичип жеп чоңойгон биздин балдар колоктоп басып жүрүшөт.

- Ой кокуй гүн, ал ошончолук азар көргөндүр да, жетимканада эле жыргатып бакты дейсиңби, ата-энелүү баладай кийем дегенин кийип, ичем дегенин ичип чоңойгон жок да?

- Ырас эле, бечаралар биринин кийимин бири кийип чоңойот да, - дешип эки сөзүнүн бири Ырысбек болуп атты. Ошол үйдү оңдоп түзөп жүрүп күнүгө жанынан мектепке өткөн көздөрү бакырайган кызды көрүп өзүнчө кызыга карап тура берет. Перизат экинчи эле класста окуйт. Өтө тыкан, шок кыз. Кээде өтүп баратып эки-үч кыз аны карап кыткылыктап күлүп калышат. Бир күнү ал кыздарды атайын тозуп турган. Алар келатып Ырысбекти көрүп ооздорун басып күлкүсү келип унчукпай өтө берээрде Ырысбек:

- Эй кыздар, канчада окуйсуңар? - деди.

- Экинчи-и, - Экөө жарыша жооп берип туруп калышты.

- Атың ким? - Ырысбек Перизатка карады, ал көздөрүн ойноктото карап:

- Периза-ат, - деп койду.

- Жакшы кыз экенсиңер.. .

- А менин атым Замира, - деп койду беркиниси.

- Анда достошобуз ээ? - Ырысбек экөөнө алмак салмак карап жылмайды, - Кана эмесе достоштук! - деп колун сунду.

- Макул дос болобуз! - Перизат токтолуп турбай анын сунган колуна быйтыйган аппак манжаларын койду.

- Мен дагы макулмун! - Замира дага аларга кошулуп Перизаттын колунун үстүнө колун койуп, - Сиздин атыңыз ким? - деди чакылдай.

- Аа-а кечирип койгула мен унуткан турбайымбы, атым Ырысбек, - ал ушул эки наристе кыздардын алдында уялгандай кызарып кетти. Анткени ойноок көздөрү менен периштедей эки кыз аны тиктеп турган эле, - Анда достоштук! - деп экөөнүн колун бекем кармап өйдө көтөрдү.

- Биз эми сиз менен дайыма жолугуп турабыз, биз окуудан кетип жатканда сиз ушул жерден күтүп туруңуз ээ? - Перизат аны баё карап жооп күтүп калды.

- А кээде бизди сарайга чейин жеткирип турасыз! - деди Замира.

- Жарайт, мен силердин кызматыңардамын! - Ырысбек күлүп экөөнү караганда алардын жанынан өтүп бараткан эки-үч кыз:

- Сабактан кечигесиңер, кеттик Перизат! - деди эле алар Ырысбекке карап:


- Биз кеттик, - деди да жүгүрүп кетишти. Ырысбектин көз алдында көздөрү эликтин чаарчыгындай жайнап эмитен эле караган адамдын көзүн тайгылткан кызды жүрөгү күндүр, түндүр көрүүнү самачу болду. Убакыт жетип анын аскерге бара турган мезгили келип жөнөп кетти. Эки жыл ал үчүн өтө кыйын болду. Кичинекей периштесин ойлоп азап чекти. Кызматын өтөп айылга келгенде биринчи аны көргүсү келип үйүнүн жанына барды да жолду карап турду, келип учурашкандарга анча көңүл бурбай эле эси-дарты жолдо. Бир кезде окуучулардын келатканын көрүп жүрөгү дүкүлдөп кадимки ашыгын көрчүдөй күтүп туруп жакындаганда:

- Кандай Перизат, Замира! - деди колун суна.

- Салам!

- Салам! - Экөө анын зыңкыя кийген аскердик кийимине суктана карап калышты.

- Сиз аскерге барып келдиңизби? - Перизат аны карап көздөрүн ойноктотуп койду, мурункудан бойу өсүп, саал чоңойо түшкөнгө кашы көздөрү ого бетер бакырайып Ырысбектин айыпсыз жүрөгүнө чок салып кеткендей болду.

- Ооба, эки жыл аскерде болдум, силер бойго жетип калыпсыңар? - күлүп койду, экөөнө карап.

- Ооба.. .

- Ооба сага, - деп уялгандай жер карап калышканда Ырысбек отура калып алардын маңдайында карап туруп:

- Мейли, силер мектепке барып окуп келгиле, мен күтөм, - деди.

- Биз кеттик! - экөө жарыша жүгүрүп кетип баратышканын көрүп Перизаттын бойу Замирадан узун болоорун байкаган Ырысбек: "менин периштем" деп өзүнчө жүрөгү элеп желеп боло жылмайып алды. Ал ушул кезде эликтей секирген татынакай кыз өмүрүндөгү асыл максаты болсо да, ал махабатынын кадамы ага жагымсыз окуяларды алып келээрин сезбеди, тек көпчүлүк адамдар сыяктуу эле өзү каалаган адамга жолугуп, үйбүлөө күтүп бул жашоодон жараткандын буйруганын алып жемиштүү жашап өткүсү келген. Бирок анын аткарылбаган максаттарынын бири болчу ал.

- Күндө эки маал тажабай аларга жолугуп кээде сүйлөшүп күлүп, алар менен ойноп абдан ынак болуп алды. Алар эми сабакка деп эрте чыгышат да Ырысбек менен ойноп отура беришет. Бир күнү Перизат:

- Сиз жалгыз жашайсызбы? - деди капысынан, Ырысбек адегенде оозуна сөз кирбей саамга унчукпай калды, анан ага карап:

- Ооба, - деди.

- Ата-энеңиз кайда жашайт?

- Мм, - Ырысбек дагы жооптон тайсалдады, не дээрин билбей анан:

- Алар жок, мени таштап тээ алыс жакка кетип калышкан.. . - деди ойлуу.

- Эмнеге сизди жалгыз таштап койушат? - Перизат ага боору ооругандай карап калды, - Алар алыста иштешеби?

- Ооба, жумуштары ошондой.. .

- Мм да, деп койду ал, Замира ага карап:

- Эмнеге сен аны сурап жатасың, жумушу болсо алыста иштешет да, эмне болуптур? - деп, анан экөөнү карады, - Келгиле чатыраш ойнойбуз.

- Чын эле келгиле ойнойбуз, - Перизат Ырысбекке карады, - Адегенде мен.. . - деп жипти салааларына илип арчындай баштады. Үчөө көпкө чейин ойноп анан аларды төштөгү сарайга жеткирип кайра келди: "Перизат абдан зирек кыз, чоңойсо жакшы аял болот" деп ойлоп алды ал. Үйүн заңгыратып койду, эшигинин алдына гүл тигип, чарбасын адаттагыдан башкача кылып, эшиктин алдынан ажатканага чейин тозуп жол кылып, гүл тигип решётка менен тозуп, келечектеги жашоосун өзү каалагандай түз сызык менен өмүр сүргүдөй аракеттенип атты. Баягы жетимсиреген тамдын ордуна тегереги гүл чарбакка толгон заңгыраган үй турду. Жашы жыйырма экиге киргенде Жоробай жанында отуруп:

- Ырыс, сен эми чоңойдуң, аскерге болсо барып келдиң, эми үйлөн, жеңең экөөбүз үй ичине керектүүлөрдү даярдап койдук. Эми өзүңчө түтүн булатууга жарап калдың, - деди.

- Ооба, бойго жеттиң, биз колдон келгенинче жардам берип турабыз, - деди Уялкан, экөө эмне дээр экен деп аны карап калышты.

- Жок азыр үйлөнбөйм, шашпай эле койуңуздар, - деп күлүп койду Ырысбек.

- Болбойт, ушундайда үйлөнсөң балдарың чоңойуп калат, өзүңө жакшы болот, мен сендей учурумда үйлөнгөм, - деп Жоробай аялына карады, - Туурабы Уял?

- Ооба, - ал жылмайып койду, - Биз үйлөнгөндө үйүбүздө эч нерсе жок болчу, ата-энем берди, өзүбүз алдык, анан бат эле элдей жашап калдык.

- Ананчы иним, ата-эне болбосо кыйын экен да, таянган агам өлүп калды.. . - Жоробай унчукпай отуруп калды. Ырысбек ойлуу жер карады: "Менин ата-энемден калган буйумдардын баары эскирип калыптыр, ошолорду карап койушса чирип калбайт эле" деп ойлоду. Эртеси үйүнө барып буйумдардын баарын оодарып, жарактуусун иргеп атты. Сандыкта атасы менен апасынын бирге түшкөн сүрөтү бар экен, аны алып айнектерин аарчып төргө мык кагып илип койду. Төшөнчүлөрүнүн тазаларын, таарларын төшөп алды. Көбү чирип, ала кийиз менен шырдагы күбө түшүп эчтекеси калбаптыр, жарабаганын өрттөп койду да, өзү ойлуу бөлмө ичинде басып жүргөндө сырттан Жоробай кирди.

- Оо азамат десе, мен дагы ушуларды көрөйүн деп келбедим беле?

- Атамдардын сүрөтүн илип койдум, - Ырысбек төрдө илинген сүрөттү көрсөттү, - Чаң басып кетиптир.

- Ошентет да, канча жыл болду, сен беш жашта болчусуң, мен карай албайт элем, иштешим керек болчу, акем өлгөндө бир аз карыздар болуп калдым, анан аларды төлөө керек эле, мен сени ээрчитип жүрүп иштей алмак эмесмин.

- Мейли аке, өткөн өттү, эми атамдардын ордун суутпай, очогун өчүрбөй ушул үйдө жашайм! - Ырысбек бир нерсени эстегендей агасына карады, - Аке, атамдар өздөрү авария болбой эле бирөө түртүп жиберген имиш го?

- Ырыс, аны билген же көргөн эч ким жок, бирок мен дагы ошондой бир сөз угуп калдым, аныгын билбейм.

- Ким, түрткөн ким экенин билесизби жок дегенде?

- Кайдан, ким экенин укпадым, бирок жөн гана өчөшкөн бирөө түртүп жибергенин кулагым чалып жүрөт.

- Сиз кызыкпаган экенсиз да, эгер кызыккан болсоңуз изилдеп көрмөксүз, - Ырысбек агасына таарыныч кыла сүйлөдү, - Мен тактап көрүп чын эле аларды бөөдө өлүмгө кириптер кылган болсо аныгына жетем!

- Койсоңчу Ырыс, өткөндү козгобо, өлгөн кишинин да тынчын алып кыйнаган болбойт, андан көрө атанын ордун басат деген ушул, үйлөнүп өз жашооңду башта, - Жоробай инисин далыга таптай сыртты көздөй басты.

- Балким алардын арбактары тынч алалбай, өздөрүн өлтүргөн адамдан өч алууну күтүп жактандыр? - Ырысбек агасын каштарын жыйра ачуулангандай карады, муштумдары түйүлүп, жаак эттери диртилдеп кетти.

- Кантет Ырыс, сен антип өзүңө душман издебе, жалгызсың, мен дагы жалгызмын, балдарым жаш, тынч эле жашаганыбыз туурадыр, ачууңду токтот!

- Токтот! - Ырысбек ызалуу көздөрү менен агасын караганда көздөрүнөн Жоробай жалтанып кетти: "Кантет бу бала, акемдин көзү ушундай өткүр, айтканынан кайра тартпаган неме эле, айныбай өзүн тарткан экен, буга ал жөнүндө кимиси айтып койду экен" деп ойлоп ийди, - Кантип токтотом, ата-энемди ажалсыз өлтүрүп, мени жетимдер үйүнө тыгып койуп жазасыз жаткан адамдыбы?!

- Ырыс, кой деп атам мен сага акемдин арбагы тиги дүйнөдө тынч жатсын, арадан канча жылдар өтүп кетти, кылмыш эскирди, чын бышыгын билген эч ким жок, тынч жашоону өткөргөндөн башка арга жок, өзүңдү кыйнабай тынч жүр иним.

- Макул, сиз өз оокатыңызды жасаңыз, мен өз арабамды өзүм айдайын, эгер аныгын билип калсам соо койбойм аны, - деп агасын ээрчий сыртка чыкты. Ага ини бир сөзгө келе албай ээрчише Жоробайдын үйүнө келишти. Жоробай ойлонуп калды. Аалыны аялы экөөнү жерге бергенден кийин ушак-айың, күбүр-шыбыр эл арасында жөө тумандай каптап жүргөнүн уккан, бирок күңүлүнө эч нерсе албаган: "ырас эле, аларды өлтүрүп койуп эчтеке болбой жашап жүргөн болсочу, аны жазасыз койгонубуз калыстык эмес да, бөөдө алар жаш өлүп калды" деп ойлонуп жан дүйнөсү эңшерилип турду ушул саам. Ырысбек ошондон кийин өтө түнт болуп кетти, анын кабагы бир гана Перизатты көргөндө эс ала түшөт, жүрөгүн түпөйүл кылган санаа дал ошол саатта кайда кеткенин сезбей да калат. Перизат өзү да башкача болуп бой жетип көз алдында суйсалып баратты. Ал мектепти бүтөөрдө ата-энеси акыркы экзаменге жибербей койду. Аны: "атасы мугалимдерге бир кой сойуп берип коноктоп туруп директоруна акчалай параны ич арадан жеткирип баасын койдуруптур" деп жүрүштү. Перизат менен Ырысбек бул кезде бир бирин көрбөй тура албай калышкан эле. Ал күнү мектептен таба албай кечке маал үйүн айланчыктап жүрүп зорго көзгө сүртүп алчудай зорго караанын көрдү. Далдоодо туруп алып күзгүнү улам ага чагылдырып жатып өзүн көргөндө колун булгады. Эки жагын карап алып Перизат жүгүрүп келди да:

- Сен эмнеге биерде турасың, атам сени көрсө мени да, сени да өлтүрөт, ансыз дагы угуп алып урушуп үйдөн чыгарбай жатат, - деди алаңдай, - Эч ким көрө электе кетип калбасаң болбойт.

- Перизат, а биздин сүйүүбүзчү, менин сенсиз бир мүнөт чыдай албасымды билесиң да?

- Азыр бара бер, мен атама өзүм сүйлөшөм, аны көндүрүш кыйын, - Перизат коркоңдой Ырысбекти төшүнөн ары түртө чыйпалактап ийди, - Кудай жалгагыр, кетип калчы! - Перизат ыйламсырап ийди.

- Макул мен кетем, эртең сени жолукчу жерден күтөм!

- Жок бара албайм, окууга жөнөгүчө эч жакка барбайсың деп жатат.

- Анан эмне кылабыз?

- Билбейм, атам өзү окууга алып барам дейт.

- Анда мен шаарга кошо кетем! - Ырысбек аны колдон алды, - Экөөбүз шаарда бирге болобуз, жолугуп турабыз, сен окуйсуң, мен иштейм, макулбу, Перизат?

- Макул, ага чейин он, он беш күндөй бар, бол эми эртерээк кет! - Перизат Ырысбекти колунан ала жолду көздөй сүйрөгөндө үйүнөн апасы чыга калып:

- Аа-ай Перизат, кайда жүрөсүң, кир үйгө! - деп калды.

- Азыр апа, - шашып калган Перизат Ырысбекти карап, - бол эрте кетип кал, атам чыга калбасын, - деди да үйүнө карай жүгүрүп кетти. Ырысбек ылдый көздөй башын жерге салып кетип жатты: "Эмнеге кайтарат, мен ала качып алсамчы, ага болбойбу, Перизат чечет да, ал мени сүйөм десе эмне кылмак эле" деп ойлонуп үйүнө келди. Ээн бөлмөлөрдө тынч ала албай басып жүрүп анан агасынын үйүнө келди. Агасына кеңешип көрүүнү ойлоду. Келгенден кийин сөздү эмнеден баштаарын билбей кайсактап тура берди, аны байкаган Жоробай:

- Ырыс, сен бирдеме дегени турасыңбы? - деди көңүл бура карап.

- Аке Нурбай абдан жаман кишиби?

- Аны эмнеге сурап калдың? - Жоробай жооп бербей эле кайра сурады.

- Деги да, жаман кишиби?

- Анын жаман жакшысын билбейм, бирок Аалы акем экөөнүн араздашкан жайы бар эле.. .

- Эмне үчүн араздашат?

- Кайдан билем, экөө абдан бир бирине каршы болчу.

- Мен анын кызына үйлөнсөм болбойбу?

- Эмне дейсиң? - Жоробай таңгала карады.

- Мен кызы Перизат менен сүйлөшчүмүн да, - Ырысбек жер карап күңк этти.

- Болбойт Ырыс, сен андан башка эле кызга үйлөн, баарына чыдайм, бирок Нурбайдын кызын мындан ары оозанба!

- Жок, мен андан башка кызга үйлөнбөйм! - Ырысбек эшикти катуу жаап чыгып кетти. Ошол бойдон үйгө кирбей өзүнүн үйүнө барып жатып алды. Артынан келген Жоробай аны көндүрө албай кайра кетти. Түнү менен ойлонуп жатып кайра эртең менен эрте тамак көтөрүп келип калды. Уялкан дагы кошо келген. Экөө анын көңүлүн таба албай көпкө отурушту. Сойуз чачырап менменсингендердин көбү жумуштан кыскартылып Ырысбекке окшогон жаш балдар колоктоп бош калган убак. Окутайын десе Жоробай өзү дагы үч баласын зорго багып, бирин экин жандыгы менен жалгыз уйунун сүтүнө карап калышкан. Ары айтса да, бери айтса да болбогон инисинин айтканынан жанбаганын: "атасынын кыялы" деп тим койду. Ошол күнү ал тээ качанкы укканын эстөөгө аргасыз болду. Анда өзү жашыраак болчу. Аалы андан алты жаш улуу болчу. Аскерден келген Аалы менен Нурбай абдан ынак жолдоштордон эле, кайда болсо бирге жүрүп, каткырып кыздарды кеп кылып калышат. Анда Жоробайдын карыган апасы бар.

Аалы узун бойлуу, кабагы бийик, кара мурут жигит болчу. Аскерден келгенден кийин аны апасы Гүлшан:

- Балам, мен эми карыдым, эчкинин жашындай жашым калды, өйдө ылдый болуп иш жасаганга жарабай баратам, эми үйлөнүп колумду узарт, өлөөрдө небере көрүп анан өлсөм арманым болбос, - деди чогуу отурганда.

- Апа, бир аз койо тур эми, күздө үйлөнөм, - Аалы апасына күлүмсүрөй карап койду, - Азыр эрте го?

- Ээ кокуй эрте дегени эмнеси, сен антип жүрө берсең бир күнү тырайып өлүп калам отурасың.

- Өлүмдү ойлобоңуз апа, сиз дагы кө-өп жашайсыз, келиниңизди жумшап, небереңизди көрөсүз, анан Жоробай үйлөнөт, анын балдарын көрөсүз, - Аалы ушинтип койуп чыгып кеткен. Кайра ойлонду ал: "чын эле апам өтө карып баратат, кой үйлөнсө үйлөнөйүн, ылайыктуу кыз издеп көрөйүн" деп ойлоп Нурбайга барды. Нурбайдын ата-энеси, бир туугандары көп эле. Ал экөө чыккандан кийин:

- Дос, мени апам үйлөн деп жатат, экөөлөп кыз караштыралы, кандай дейсиң? - деди бут алдындагы таштарды каршы-терши тепкилей.

- Эң сонун, үйлөнсөң үйлөн мен дагы үйлөнөм, - Нурбай ага карап күлүп калды, анан экөө тааныш кыздарын көздөй жөнөштү. Аалы аларды көрүп байкаштырып, бирок ылайык көрбөдү: "Жо-ок булардын бириси да болбойт" деген ойдо досун ымдай басып кетишти. Керээли кечке жүрүп экөө бөлүнүп кетип жатып суу көтөрүп келаткан кызды көрүп калды. Саал аярлай калып анын жанына келгенде:

- Чоң кыз таанышып албайлыбы? - деди ага тийише.

- Көрүнгөн менен таанышкыдай убактым жок! - Кыз токтобой кете бергенде Аалы анын колундагы чаканы артынан келип кармай калды.

- Койо турсаңыз сулуу.

- Бирөө жарым көрсө уят, кандай немесиз? - Кыз бурула берип өзүнө караганда жигиттин жүрөгү ток ургандай дүрт этип алды.

- Эмнеси жаман, азыр кыздардын заманы, сиздин көз карашыңыз жүрөгүмдү өрттөп кетти, жок дегенде атыңызды айтып койсоңуз? - Жигит ага эңкейе калып колун бооруна алды, - Менин атым Аалы.

- Айсулуу, - деди да басып кетти. Аалы анын артынан акмалап барып үйүн көрүп алды. Айсулуу колунда бар, раис болуп иштеп жүрүп пенсияга чыккан Жусупжандын кызы болчу. Апасына келип аны айтты эле ал наалып:

- Уулум, ал мендей жесир кемпирди тоотот дейсиңби, кызын бербейт го? - деди.

- Эмне экен, раис болсо эле эмне, мен сөзсүз раистин кызын алам, эгер албасам үйлөнбөйм! - деди дулдуңдай. Чиркин десең, "энелүү жетим эрке жетим" деген ушул тура, ушул чүкөдөй кемпир болбосо кимге өдө карап таарыныч кыла алмак. Энеси ары ойлонуп, бери ойлонуп Жусупжандын күйөөсү менен теңтуштугун эстеп анын үйүнө бармак болду. Ал келгенде Жусупжандын аялы Турсун кызы Айсулуу менен сырттагы сөрүсүндө отурган экен.

- Оо кел Гүлшан, кел, - деп ордунан тура калып үйгө алып кирди. Айсулуу дасторкон жайып чай алып келди.

- Ээ Турсун, көрүшпөгөнүбүзгө дагы көп болуп кетти, Апыш өлгөндөн бери эки жакка дагы чыга албай калдым.

- Ошону айтсаң, жаш кезде күүлдөп кандай гана жүрбөдүк. Жусупжан менен Апыш экөө абыдан ынтымактуу эмес беле, экөөбүз андан, - Эки кемпир өткөндү эстеп көпкө отуруп калышты. Айсулуу сыртка чыгып кеткенде Гүлшан:

- Турсун, эми-и келген жумушумду айтайын, жакшы эле теңтуш болуп жүрдүк, Жусупжан менен Апыш да бирин бири кыйбаган достордон эле, Апыштын өлгөнүнө он жыл болуп калды, катышпай да кеттик, мен Айсулууну уулума сурап келдим, Жусупжан менен кеңешип жообун айт, элден кем кылбайм, сөзүмдү эки кыла турган кишилер эмес эле деп өзүм келдим, - деди акырын.

- Гүлшан, эми кандай десем экен, сени капа кылуу ойумда жок эле, мурунураак болгондо не? - Турсун ойлуу аны карап отуруп калды, - Кечээ эле Ажымурат келип баласына алып берем деп Жусупжан менен сүйлөшүп кеткен эле.. .

- Эмне, Айсулуу макул бекен ага?

- Өзүң билесиң да, Жусупжан анын өз эркине койбойт, мен айткандай гана болот деп туруп алат, анын үстүнө азыр ооруп төшөктө жатат, ошон үчүн аны капалантпайлы деп эле ойуна койдук.

- Качантан бери ооруп жатат? - Гүлшан анын ооруп жатканын укпаганына өзүнчө уялды, - Эртең эрте келейин анда, ооруну түш ооганда сурабайт, келгенимди айтпай эле кой, - Гүлшан ордунан турду. Үйүнө келип болгонун Аалыга айтты эле ал таңгалды.

- Ал айткан эмес эле го?

- Кайдан билем уулум, короосунда толтура койу бар, илгертен раис менен биргелешип иштеп мал күткөн неме жетип барган тура!

- Кызык, ал жөнүндө мага Нурбай бир ооз да айткан эмес, - Аалы ойлонуп жатып: "Демек ал менден аны кызганса керек" деп ойлоп алды ичинен. Эртеси башы оой кыздын үйүн көздөй жөнөдү, жок дегенде бир көрүп алууну самады. Айсулуу алардын эң кенжеси эле, онунчу классты бүткөнүнө эки жыл болду. Ата-энесине карап үйдөн чыкпай калган. Эки агасы, үч эжеси күйөөгө тийип, экиден, үчтөн балдары бар. Ал окууга дагы барам дебеди, башы оор, көп сүйлөбөгөн кыз. Аалы кылаар иши жок анын үйүн айланчыктап ары бир өтүп, бери бир өтүп жүргөндө Айсулуу эчтемеден кабары жок эки чаканы алып булакты көздөй шаша жөнөдү. Аны көргөн Аалы жым эте артынан жетип кыз сууну чөмүч менен чакага куйуп кыңылдап ырдап отурганда артынан:

- Салам, сулуу кыз! - дегенде кыз селт эте карап:

- Салам, - деп жылмайып койду, - Кайдан жүрөсүз?

- Сиздей сулуу кызды көргөндөн бери жүрөгүмө аш барбай, көзүм уйкуга ирмелбей, жүрөгүмдө алоолонгон өрт пайда болуп тынчым кетти.. . - деп жанына отура кетти.

- Сиз бир айткан сөзгө түшүнө турган эле жигит экенсиз, эмнеге минтип келип отурасыз?

- Айсулуу, кубалай көрбө, жөн эле сүйлөшүп туралычы, - Аалы анын колун кармай калды, - Жок дей көрбө же жигитиң барбы? - сынай карады. Кыз анын колунан акырын колун бошотуп алды да:

- Жигитим деле жок, азырынча ойлой элекмин, - деди толгон чаканы ары алып койуп экинчисине куйуп жатып.

- Жакшы экен, эмдигиче сиздей сулуунун жүрөгүн бирөө ээлеп алгандыр деп коркуп кеткенимчи, - Аалы күлүп калды.

- Эмнеге антесиз? - Айсулуу Аалыны жоодурай карады.

- Анткени сиздин жүрөгүңүздү башка бирөө ээлеп алган болсо ашыкча болуп каламбы деп эле.. . - Аңгыча чакалары толуп көтөрүп жөнөмөк болгондо Аалы шап ала койуп, - Мага бериңиз, ушу сиздин кызматкериңиз болуп калсам не? - деди эле кыз бырс эте күлүп калды. Анын көңүлүнө ушул кара тору узун бойлуу жигит жагып калгандай, суйсала узун чачынын жазылып кеткен учтарын өрүп келе берди. Үйгө жакындаганда:

- Чакаларды мага бериңиз, апам көрүп калбасын, - деп колун сунду.

- Үйгө киргизип берсем болбойбу? - Аалы ага күлө карап койду.

- Тамашаңызды койуңуз да жолуңузга түшүңүз! - Айсулуу кыя карап жигиттин колундагы чаканы алып басып кетээрде Аалы артынан:

- Күндө канча жолу сууга келесиз? - деп койду.

- Он маал суу алам, - Айсулуу кайрыла калып айтканда ал жанына жетип барып шыбырап оозун кулак тушуна алып барды эле, кыз башын тарта берди, - Ары туруп эле сүйлөңүзчү!

- Күндө ушул маалда булактан күтөм! - Аалы аны узата карап кайра жолуна түштү, ага кыздын назик добушу, жылмайганда көздөрү өзүнчө эле күлүп тургандай өзүнчө көркөм көрүндү. Жүрөгү элеп-желеп боло: "Мага кош көңүл эмес, эгер Нурбай менен сүйлөшкөн болсо жигитим бар демек" деп толкунданып үйүнө келди. Ал жаңы келгенде Нурбай келип калды. Экөө сүйлөшүп отурганда Аалы андан сөз чыгаар бекен деп ойлоду, бирок ал эч нерсе дебеди. Аалы да үндөбөдү. Айсулуу менен Аалынын мамилеси тереңдеп барып сүйүүгө айланды, бул учурда Жусупжан узак оорудан кийин дүйнө салды. Айсулууга жолуга албай Аалынын тынчы кетип Гүлшандын айтуусу бойунча аяш атасына кызмат кылып ошол жерде жүрдү. Нурбай ата-энеси менен чогуу барып Аалы экөө чогуу болуп калышты. Экөө ээн боло калганда Нурбай:

- Ээ шумпай, сен биерде соо жүрбөсөң керек, бирдеменин жытын алгансың го? - деди тырчый.

- Шумпайлыгымды таап айттың дос, эчтекенин жытын сезбей эле өлгөн адамга көз көрсөтүш парз экенин билесиңби?

- Да-а, туура айтасың, мен тиги Айсулууга ашык болуп калганбы деп ойлоп жатпаймбы? - Нурбай кытмыр жылмайып койду.

- Айсулуу менен чынымды айтсам көптөн бери таанышмын, Жусупжан менен атам теңтуш болуп жүрчү эмес беле, катышы да бар болчу, - Аалы аны эмне дээр экен деп карап калды.

- Ош-шондой дечи?! - Нурлан айласын таппай калгандай ага жүзүн бура, - Балким сөзүңөр да бардыр? - деди.

- Сүйлөшүп жүрөбүз, өткөндө апам келген экен жок дебептир, өздөрү билсин деген го? - Аалы ого бетер аны күйгүзө айтып койду.

- Мен билген эмес экенмин да?

- Эмне болду? - Аалы андан чоочугандай сурады.

- Мен Айсулууга жуучу жибергемин, бирок өзүм жолуга элекмин, кайда бармак эле деп жүргөм, сен шылуун озунуп кетипсиң, - Башын жерге сала, жаактары түйүлө жини келип турганы байкалып турду, - Аны сүйөм деп былжырадыңбы анан?

- Сен эмне болуп турасың Нурбай, ал кыз азыр экөөбүзгө тең эчтеке деп айтпайт, сүйөм деп айтыш оңой, сүйө билиш кыйын, сүйөм деп жалынып жалбарып алып ара жолдо калтыргандан көрө айтпай сүйгөн артык! - Аалы ага жини келе сүйлөшкүсү келбей ордунан турду.

- Ушунчалык акылдуу экениңди байкабаптырмын.. .

- Анда билип кой, кыз эле болсо жүрөгүмдү көтөрө чапкандан алысмын! - Аалы арыдагы топтошкондорду көздөй басты.

Нурбай ошол жерде көпкө отурду, Аалы аны байкаган менен ага мурдагысындай эле мамиле жасап жатты. Ошондон баштап экөөнүн арасы алыстай баштады. Аалы билмексен болуп жүрө берди, аңгыча күз келип калды. Айсулуу атасынын жылдыгы болмойунча күйөөгө чыкпай турганын билдирди. Ар күнү кечинде барып Аалы аны менен сүйлөшүп жүрдү. Нурбай анын артынан түшүп жүрүп бир күнү ал Айсулууну күтүп турса келип калды.

- Аалы, мен сага бир нерсени айтып койушум керек, Айсулууну атасынын жылдыгы өткөндөн кийин мен алып кетем, кыскасы шынаарлаганыңды токтот!

- Эмнеге, Айсулуу экөөбүздүн сөзүбүз бүткөн, шартына гана карап турам мен дагы, - Аалы аны жини келгендей карады, - Кыз менен сүйлөшүп койдуң беле же?

- Сүйлөшкөндө, сүйлөшпөгөндө эмне, кыздар күйөө табылса кете беришет да, ала качып алам, - Нурбай керсейип койду, - Кыздарды сүйөм, күйөм деп каадалантып отургандан көрө ала качып алсаң кудай деп отуруп калат.

- Анчалык кыздарга жаман мамиленин кереги жок дос, сүйлөшүп көр, көңүлү бар болсо анда ала бер! - деп койду Аалы.

- Аалы, сен өзүңдү акылдуу сезет окшойсуң, менин атам куда түшүп сөздү бүтүрүп койгон!

- Нуке, Айсулууну атаң эмес сен аласың да? - Аалы ага жылмайып караганда күйбөгөн жери күл болгон Нурбай аны муштап жибермек болду эле анын колун Аалы кармап калды:

- Мен сени менен урушканы турган жокмун, селкимди күтүп турам, андай экен жүрү мени менен, кимибизди жактырса ал өзү билсин, эгер сени тандаса мен экинчи келбейм!

- Сен дагы барбайсың, мен дагы барбайм, эгерде тынч жашап өлгүң келбесе бул жерге келгениңди токтот!

- Мага буйрук берчү сен эмес!

- Айсулуу меники болоорун эсиңден чыгарба!

- Көрөбүз, - Аалы ары көздөй басканда Нурбай анын артынан карап туруп сөгүнүп кетип калды. Андан кийин ынак достор бири отурган жерде бири отурбай өздөрүнчө араздашып калды. Эч ким билбеди, ал экөөнүн ортосундагы кек эмнеден чыкканын да сезбеди. Арадан билинбей алты ай өткөндө Айсулуунун апасы оорубай туруп эле кете берди, уккандар жакасын кармашып үрөйлөрү учуп сүйлөшүп атышты:

- Ботом Турсун оорубай этпей эле кете бериптир дейт, бечара жакшы аял эле, ажалды карасаң айланайын жараткан.

- Жүгүртүп жүрүп, мүдүрүлтүп алсын деген ошо да, байкуш пейлине жараша кыйналбай этпей кете бергенин.

- Ошону айтпайсыңбы, байкуш жеңем абысынга да, кайын сиңди менен тууганына да бирдей тегиз эле, - дешип узун сабак сөз кылып атып аны да жерге беришти. Уул-кызы келип, ызаат- сыйын жасап бүткөндөн кийин баары кеңешип Айсулуунун тагдырын чечмек болушту. Бирок үйдү ээн калтырып кеткенден чочулап, элдин сөзүнөн коркуп эң кичүү баласы шаардагы жумушун таштап келмек болду. Анын бир баласы бар эле. Аялы мойун толгой албады. Ошентип Эдилбек аялы Гүлзина экөө калмак болушту.

- Сен эң кичүү болгондуктан үйдө сен болушуң керек, үй жай сеники, - деди улуу агасы.

- Ооба, кечээ өлсө кулптап койуп Айсулууну шаарга алып кетип калсак болбой калбайбы, араң турган экен, деп наала кылат эл.

- Кой, антпей калалы, баласы жоктой кылып, очогун өчүрүп койгонубуз кантип болсун, биз турбайлыбы? - дешип Эдилбекти калтырышты. Аалы дагы акырына чейин кызмат кылды. Нурбай өкүрүп келип аны көрүп кайра кетип калган. Ага Аалынын ичинен жини келгендиктен күлкүсү да келди. "Акылсыз, кызга даап сүйлөшө албагандан кийин өзүн эркекмин деп басып жүргөнүн" деп ойлоп алды. Гүлшан келип куран окутуп кетти. Аалынын кызда көңүлү барын уккандан бери жаны жай албайт, эми ого бетер тынчсызданып жүрдү: "Айсулуу өтө өңдүү, түстүү кыз экен, мындайлар текебер болчу эле, балама кыял, жоругун көрсөтүп кыйнабагандай эле" деп ойлогондо Казакстандагы сиңдиси эсине түштү. Гүлшан өзү казак кызы болчу, ата-энеси менен келип ошол бойдон калып калган. Ата-энеси ушул жерде койулду. Сиңдиси Гүлкан деген, анын дагы жалгыз кызы бар: "Өз эмеспи, тез-тез катышып да турабыз, Аалыны ээрчитип алып барайын да макул болсо Алиманды алып берейин" деген ойго токтогон эле. Ал ойун уулуна айтты эле ал болбой койду. Эмне кылаарын билбей эне унчукпай калды. Билинбей убакыт өтүп жаз болду. Аалы Айсулуу менен жолугушуп жүрүп акыры экөө үйлөнмөк болуп калганда Нурбай Айсулууну ала качмак болуп калды. Аны угуп Аалынын жини келип ага айтты эле ал:

- Аалы, мен жинди эмесмин да, өзүм каалабаган адамга ала качкан күндө да отурбайм! - деди.

- Элди билесиң го жаным, астанасын аттадың болду отургузуп койушат, бата берип, таттуу сөздөрү менен отурганга аргасыз кылышат, ошон үчүн ага жетпегенге аракет кылыш керек, ата-энеңдин жылдыгы өтөөрү менен өзүм алып качып кетем!

- Мен макулмун, - Айсулуу анын ийнине башын жөлөдү.

- Мен сенден ажырабайм, сенсиз мага жашоо жок жаным, эгер чын эле Нурбай ала качып кетсе отуруп кала бересиңби? - Аалы аны ээгинен өйдө кылып жүзүнө карады.

- Эч качан, такыр болбосо андан өлүп кутулам!

- Чын элеби, Нурбай ала качып кетсе отурбайсыңбы, чын эле мени сүйөсүңбү?! - Аалы кызды бооруна кысып алып көпкө турду. Көптөн кийин бир биринен бөлүнүп жанаша басып баратканда алдынан Нурбай чыкты:

- Салам кыз-жигит, менимче-э өтө эле бактылуусуңар го дейм? - деп керсейе бөйрөгүн таяна туруп калды.

- Аа-а Нурбай сенсиңби, ырастан эле куттуктаганы келгенсиң го, өзүң билесиң да биздин үйлөнөөрүбүздү, - Аалы эч нерсе билмексен болуп алакан жая күлүп калды.

- Аалы, кантээр экен деп койсо чектен чыгып баратасың, - Айсулуу менин колуктум болоорун билбейсиңби? - Аалынын маңдайына тиреше туруп калганда Айсулуу ортосуна тура калды да:

- Сен кандай уяты жок немесиң, мен сага качантан бери колукту болуп калдым? - жини келе аны жаакка чаап жиберди, - Экинчи ушундай сөз оозуңдан чыгат экен таарынба!

- Айсулуу, сен эмнеге түшүнбөйсүң, атаң барда эле менин атам экөө убадалашпады беле, койсоң эми, мен сенин күйөөң болом! - Нурбай кыздын ары жагынан бир чыгып, бер жагына бир чыгып жандалбастап жатканда Айсулуу:

- Мен сенин колукту, полуктуң эмесмин, экинчи мындай сөзүңдү укпайын, мен жакында күйөөгө чыгам! - деди.

- Чыкчу күйөөң ким экенин билсем болобу сулуу? - Нурбай билмексен боло керкейип койду эле Аалы анын жанына барып анын маңдайына тике туруп алып өзүнүн төшүн көргөздү:

- Мен болом болочок күйөөсү, билбей эле таанып алсаң болот! - дегенде Нурбай айласы кетип:

- Көрөбүз, ким күйөөсү болуп калаарын, сендей өлсө сураары жок томаякка кайсы кыз тийээрин! - деп басып кетти.

- Көрөбүз, ошондо намысыңдан өлүп калсаң боорубуз ооруп батага биз бараарбыз.. . - Аалы аны карай жерге чыйт түкүрө күлүп ко йду.

- Көрө жатаарбыз.. . - деп жөнөп кетти.

- Тим койчу Аалы, дөөгүрсүгөн немеге сөз коротуп болобу? - Айсулуу Аалынын колунан кармай тынчтандырды, - Мен сеники гана болоорума ишенип кой!

- Алтыным десе, сен жанымда мендик болуп турганда эч нерседен кам санабайм! - деп Аалы аны аяр ийнинен ала үйү жакка бирге басып баратты. Ушул көз ирмемчелик бакыт ал экөөнү магдыратып турган, сүйүүнүн өрттөн да кайра тарткыс, сыйкырдуу ирмеми экөөнү кучагына алып эртеңки күнү эмне болоору эсине да келмек эмес. Аалы аны үйүнө киргизип койуп жолго түштү. Өзүнчө кубанычтуу келе жатканда алдынан үч-төрт караан чыгып аны тозуп калышты. Ай тойго келбей эле ургу, тепкиге алып киришти. Аалы алар менен алышып жатып көптө барып качып кутулду да үйүнө кийимдери тытылып, бети жарылып зорго келди, апасын аңдып туруп акырын бөлмөсүнө кирип кетти, кийимдерин которуп жатканда иниси Жоробай ойгонуп кетип агасынын бирөө менен урушуп келгенин көрүп:

- Аке сага эмне болду, кимдер менен уруштуң? - деп төшөктөн башын чыгарып сурады.

- Эч ким менен урушкан жокмун укта! - Аалы аны карабай туруп жооп берди да ордуна жатып калды.

Эртеси кыймылдай албай жатып калды. Бүткөн бойу көгала болуп ичинен жини келип жатты, анын бир гана корккону Айсулуу эле, аны ала качып кетишеби деп жүрөгү тынч алалбай ордунан туруп эптеп кийинди да жолугушчу жерине барды. Аны көргөн кыз сүйүнүп кетти. Экөө үнсүз бир топко сүйлөшүп туруп анан Аалы ага:

- Айсулуу, сен билесиңби, сен бир-эки күн үйдөн чыкпа, менин жумушум чыгып калды, эгер чыксаң сенден айрылып каламбы деп корком, - деди маңдай чачынан сылай.

- Качан келесиң анан?

- Эки күндө келем, эртең эрте чыгам, - Аалы бүткөн бойунун ооруп турганын билгизбей аны менен тез эле коштошуп үйүнө жөнөдү, ал бүгүн башка жолго түшүп келди. Аалыны көрүп эле Гүлшан:

- Балам, деги кайда жүрөсүң, эрте кетесиң, кечигип келесиң, үйгө токтобой калдың го? - деп дасторконун жая тамак ашын алып келди.

- Апа, балаң кечээ бирөө менен урушуп келди, кийимин көрчү, мушташкан окшойт, - Жоробай апасына карады.

- Эмне дейт ботом, ким менен урушуп жүрөсүң ыя?

- Эч ким менен, балаңдын сөзүнө ишене бересизби?

- Мага ишенбесеңиз кийимдери шкафта турат, алып келейинби? - деп Жоробай ордунан турганда Аалы аны төбөгө нукуп койду:

- Тынч отур дейм!

- Эмнеге, өзүң калп айтып атпайсыңбы? - Жоробай унчукпай калды. Кокус дагы бирдеке десе Аалы аны төпөштөп койорун сезип отуруп алып тамагын иче баштады.

- Балам, ага тууганыңдан өтө жакының жок, тынч жүрсөң боло, мен бир жалгыз кемпир болсом колумдан эмне келет? - Гүлшан наалый кетти, - Өзүмө ылайык келин киргизип берсең эле болду эле.. .

- Апа, эч кам санаба, жакында Айсулууну келин кылып берем! - Аалы ушинткенде Гүлшан ага ишенип, ишенбей карап калды.

- Ыраспы уулум?

- Ырас.

- Оо айланайын кудай, ушунуңа шүгүр, - Аалыны карап, - Андай болсо камына берейин ээ уулум? - деди сүйүнүчтүү.

- Анда качан даярданышыбыз керек эле апа, жылдыкты өткөрөөрү менен алып келем!

- Аз калбадыбы балам, бир эки жумада өтөт, мен анда тездетейин, - Гүлшан шашып калды. Ошентип бир үйбүлөө жылдыкка камынып жатканда эки үйбүлөө келин алуунун камын көрүп жатышты. Ажымурат өзүнүн колунда барлыгына чиренип:

- Алып келе бер, кызды илгертеден ала качып алат, кыз колунда бар жогун карайт, томаякка барып өмүр бойу өкүнүп жүрмөк беле? - деди баласына.

- Ата, келгенде отурбай койсочу?

- Ата-аңдын оозун урайын суу жүрөк десе, отурбаган кыз болбойт, ата-энесинин жылдыгын бир өткөрөт экен, ошол күнү алып келесиң, отурган, отурбаганын өзүмө кой!

- Макул ата, - Нурбай кудуңдай сыртка чыкты: "Эми менден качып кайда барасың, ошол томаякка тийесиңби же магабы, көрө жатаарбыз, колума тийсең ошону сүйгөнүңдү көрсөтөм го" деп ойлонуп Айсулуунун карагаттай көздөрүн көз алдына элестетип алып жылмайып алды. Аалы өзүнчө өз бөлмөсүн жасап, сүрөттөр менен кооздоп алып кыңылдап ырдап: "Айсулуу, жакында экөөбүз бирге болобуз, бизди эч ким бөлө албайт, бактылуу болобуз, сен өзүңө окшогон сулуу кыз, мага окшогон уул төрөп бересиң" деп ырахаттана керилип алды. Бирок аларды суук, жаман окуя күтүп турганын сезишпеди, Айсулуу дагы сүйгөнүнө жаркылдаган жар болоорун ойлоп кыялданып жатты. Белгиленген күнү бир туугандар келип ата-энесинин жылдыгын өткөрүп жыйынтыкташып, акыркы ызаат сыйын кылып бүтүп, эки-үч күн топурашып, бала-чакасы менен бир бирден үй-үйүнө жөнөштү. Дал ошол күнү Айсулууну жолдон окчун, далдоодо бир машина күтүп турду, бул Нурбай менен анын достору болчу. Кыз көрүнсө эле ала качмакка даяр. Айсулуу жүрөгү элеп-желеп болуп сүйгөнү Аалыны күтүп жатты. Кеч күүгүм болуп Аалы дагы өз достору менен келип Айсулууну күтүп алмак болуп турганда бери көздөй баскан кызды Нурбайдын балдары бакыртып сүйрөп жөнөгөндө Аалы достору менен жүгүрүп барып эки-экиден мушташып калды. Арадан жарым саат өтпөй Аалы Нурбай менен алышып жатканда машина жылгандай болду.

- Мыктар, машинаны кууп жет! - Аалы ага кыйкырды да Нурбайды көмөлөтө койуп, бир тепти дагы аларга жетти, машинага жетип Айсулуунун оозу таңылганын көрүп чоочуп кетип чече койду да шофёрду желкеге бир койду эле машина жолдон чыгып жарды катуу сүздү, баары бир аз ооруксунуп туруп анан эстерине келип Айсулууну көтөрүп өз машиналарына жөнөштү, эми жетип кызды отургузуп өздөрү түшмөк болгондо Нурбай келип кайра мушташып киргенде Аалы:

- Нурбай, эгер сен жигит болсоң кыздан сурайлы ушул жерде, сени сүйөбү же мени сүйөбү, малдан бетер сүйрөй качканың туура эмес! - деди.

- Сен сура, мен сурабай эле ала качам, кыздарга ошол эле ылайык! - деп Нурбай толгоп койгондо:

- Мына сага, эс алганда үйүңдө болоорсуң, - деп койуп басып кетти, - Адамча боло албасаң айбанча жата бер!

Эч нерсе болбогондой үйүнө жетип келишкенде катын-калач аларды үймөлөктөй тозуп алып Айсулууга Гүлшан камдаган ак жоолугун салып, чачыла чачып топурап калышты. Айсулуу кемпирлердин алкоосуна татып, сүйүктүүсүнө жар болуп, ак жоолук башына салынганына кубанычы койнуна батпай турду.

- Айланайын, ак жолтой, ак жүздүү келин бол, кайын журтка кадырлуу келин болуп, уул-кыз көрүп, очор-бачар, ордолуу шаарга айлантып мобу чүкөдөй кемпирди карыганда сыйлап өнүп өскүлө! - деп токсондогу кемпир жанында отуруп алып алкап атты.

- Ооба садага, жакшы жердин кызысың, отурган жериңден оорун таап, өркүнүң өссүн! - дешип сыртта мал сойулуп жатканда милиция келип калды.

- Кана, кыз уурдап келгендер?

- Кайсы айланайындар, кызды уурдабай эле сүйлөшүп алып келишкен, - Гүлшан үрпөйө Айсулууну карады, - Кыздан сурап көргүлө.

- Чоң кыз, сизди зордоп ала качып келдиби? - Милиционер Айсулууга кайрылды, - Бизге ушундай арыз менен кайрылышты.

- Ким экенин билсем болобу? - Айсулуу адегенде ушинтип сурады.

- Нурбай Ажымуратов деген.. .

- Калп айтканга ишенип күнөөсүздөрдү алпарып камап койо бересиңерби, чындыктын чыркыраганына бооруңар оорубайбы?

- Чоң кыз.. .

- Жок, менин суроомо жооп берсеңиздер, анан мен айтам.

- Андай эмес, бизге арыз түшкөндөн кийин текшерүү милдет!

- Анда эч кандай ала качуу болгон жок, мен өз каалоом менен келдим, жазып берейинби? - Айсулуу жылмайып койду.

- Болуптур, жазып бериңиз, - милиционер кагаз калем бере койду, Айсулуу жазып бере салды эле, алар кечирим сурап кетип калышты. Ошондон кийин эч ким тоскоолдук кылбады, бир туугандары кууп келип, андан көп узабай көшөгөсүн эжелери алып келип беришти. Гүлшан ыймандуу, өңдүү-түстүү келинге туш болгонуна миң мертебе кудайга шүгүрлүгүн айтып жалынып жалбарып ыраазы. Жыл айланбай Айсулуу уул төрөп эненин ого бетер чечекейи чеч болуп кубанычы койнуна сыйбай калды. Небересинин атын Ырысбек деп койуп бактылуу өмүр сүрүп жатышты. Ырысбек үчкө чыкканда Гүлшан ооруп көз жумду. Ыйлап-сыктап кала берди эки уулу. Бул кезде Жоробай жыйырма жашта болчу. Эки бир тууган бир бирине жөлөк болуп жашап жүргөндө шумдуктуудай окуя болуп өттү. Нурбай үйлөнүп бир балалуу болуп калган болчу, Аалы совхозго жумушка кирип иштеп жүргөндө аны совхоздун директору чакырып алып механиктин ордун сунуш кылды, кубанганынан Аалы кош-кош рахматын билдирип үйүнө келди. Жакшы иштеп кадыр баркка жетип, иштеген ишинин акыбетин көрүп эски москвич сатып алышты. Ошол күнү Нурбай аны жолдон тозуп алып өткөн кеги үчүн аны сабамак болгон. Жолдош балдарын тойгузуп алып алдынан бири тозуп калганы жашынып турду:

- Аалыке, мени тигил айылга жеткирип койчу, - деди ал эч нерсе билбегендей.

- Отур, - Аалы ойунда эчтеке жок аны салып алмак болгондо машинага үчөө төртөө жармашып аны рульдан сууруп чыгышты да тепкилей башташты. Бир кезде эсине келген Аалы:

- Нурбай, сенин кылганың экенин сезип турам, эркек болсоң жашырынбай чык, булардын убалына калбай өзүң кел, катын болсоң жашырынып жата бер! - деди эсине келе.

- Мен мындамын, менин сенде өлгүчө кетпей турган өчүм бар экенин билесиң да, - Кыт-кыт күлүп анын маңдайына келди, - Кана күч сынашалыбы?

- Жарайт, - Аалы тигилерге карады, - Эки дөө урушса ортосунда чымын өл өт дегенди билесиңерби, эртеңки күнүңөрдү ойлогула, милицияда суралып жүрбөйлү десеңер калыс болуп гана тургула, ким кимди жеңээр экен? - деди.

- Эмне, коркуп жатасыңбы? - Нурбай кыжырлана жылмайды.

- Коркконум жок, сен өзүңдү ойлоп алардын үйбүлөөсү жөнүндө ойлогон жоксуң, сенин кесепетиңден алар камалып калса аларды сен куткармак турсун куйрук түйүп качасың! - дегенде:

- Акмак, дайыма өзүңдү менден жогору көрсөткүң келет! - деп Аалыга муштумун көтөргөндө ал аны тозуп калды дагы машинасынан жип алып чыгып эки колун артына байлап:

- Мына көрдүңөр, эгер эртең өзү арызданса силер чогуу мени өлтүрмөк болгонуңарды кудай үчүн ачык айтасыңар же бала-чакаңарды чыркыратып туруп жооп берүүңөргө туура келет, кудай үчүн мен урушууну каалабайм, караңгы түн, кудай күбө! - деди да машинасын айдап кетип калды. Алар ошол бойдон тынчып калган. Ырысбек беш жашка чыкканда анын туулган күнүн өткөрүп жоро жолдоштору менен чер жазышты. Айсулуу өзү тандап алган тагдырына ыраазы. Бир күнү шаардагы агасы тойго чакырганынан Ырысбекти Жоробайга таштап, экөө машинага отуруп жөнөп калышты. Нурбайдын да ошол кезде жигулиси бар эле. Ал алардын артынан жанына дайыма бирге жүрчү досу Үсөнбайды салып алып акмалап кете берди. Караңгы кирип көз байланган кезде ага жете келип Нурбай алардын машинасын артынан түртүп жөнөдү, эки жагын элеңдеп караган Аалы:

- Бул Нурбай тура, энеңди урайынды өткөндө эле өлтүрүп салбай, - деп жолдон чыгып бараткан машинасын оң жагын карай бурмак болуп жан алакетке түшүп жатканда Айсулуу кыйкырып ийди:

- Аалы-ы, жарга келип калдык, кудай ай эми эмне болот? - дегиче экөө тең:

- Аа-а!!! - деген бойдон алыс учуп кетишти. Нурбай машинасын тез буруп артына бурду:

- Бул жөнүндө өлгүчө тилиңди бекем карма, биз эчтеке билбейбиз, сөз бересиңби? - деди Үсөнбайды карап.

- Кантип өзүмдү өзүм айтмак элем, бир караңгы түн, бир экөөбүз билебиз, - экөө жолдон кол алышып антташып үй-үйүнө кетти. Ошол ошону менен аларды эки күндөн кийин ашуудан авария болгонун көрүп таап алып келишти. Жоробай беш жашар баланы кучактап эки бирдей адамын жоктоп кала берди.. . Ошондо болуп жаткан сөздөр мээсине да жеткен эмес экен: "бийик ашууда үргүлөп кеткен окшойт" деп кала берген. Кийин кийин бир эки жолу Үсөнбай ичип алып Нурбай экөө уруша кетип:

- Сенин кылмышың көп, керек болсо сени түрмөгө отургузуш керек! - деп бакылдаганда эч ким анын сөзүнө маани бербеди.

- Оозуңду жап досум, сен көбүрөөк ичип алган окшойсуң, жүрү үйгө! - деп Нурбай аны жанына салып үйүнө алып келди да эч кимге угузбай, - Эгер өлгүң келбесе оозуңду жаап жүр, мына мен сага бир койду берем, мас болосуңбу, соо болосуңбу көчүгүңдү кысып жүр, чынында сенин айтканыңа ким ишенет? - деп үйүнө койду салып жеткирип койду. Үсөнбай унчукпай кала берди. Кийин да бир эки жолу: "бул акмакты соттотуш керек, киши өлтүргүчтү, буга жолобогула, өлтүргөндөн кайра тартпайт" дегенин уккандар туйугунан айтылган сөздүн маанисин түшүнбөй сурашса:

- Эх, жиниң келсе айтасың да, - деп тим болуп калчу. Ушуларды эстеп отуруп Жоробайдын каңырыгы түтөп алды: "Эгер мен артынын түшсөм агамдын өчүн алмакмын, көрсө мен дөдөй турбайынбы, эч нерсеге маани бербеген айбан экемин" деп алды.

Ырысбек үйдө жалгыз отурса кеч күүгүмдө Перизат кирип келди:

- Ырыс, Ырысбек атам мени бирөөгө бергени жатат, ал экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүздү угуп калыптыр! - деп жетип эле кучактап калды, - Эми эмне кылаар экенбиз, айтчы кандай кылабыз?

- Кимге, кимге бергени жатат, ал сенин өзүңдүн атаң го, эмнеге сенин бактылуу болушуңду каалабайт?

- Мен ошого тийсем бактылуу болот экемин Ырыс, ошондо гана атамдын жаны жай алат экен, жүрү экөөбүз түндөп качып кетели, сени менен кайда барып, бечара жашоодо жашасам да макулмун! - Перизат ыйлап ийди.

- Перизат, качып кайда бармак элек, андан көрө азыр сени үйүңө жеткирип келем, сен ойлонбой тура бер! - деп Ырысбек аны тынчтандырып үйүнө алып келип өзү сыртта калды. Жайдын күнү болгондуктан эшик терезелердин баарын ачып койуп тамактанып отурушкан, Перизат кирип келгенде Нурбай:

- Кайдагы аягы сай топтогон жетимге тийип жыргайм деп турасыңбы, ал сени жыргатпайт! - деди ачуулана, - Аныңды унут дагы келээрки жумада болчу тойго даярдан!

- Атасы, кызыңды жөн эле уруша бербесең, өзү деле билет да, анчалык эси жоктордон эмес го? - Аялы аны тыя сүйлөдү, Айнагүл токтоо, оор басырыктуу аял эле, - Кыз баланы анчалык эле тилдей бербе да?

- Урушпай эркелетип койсо кайдагы бир жетимди таап алганын көрдүңбү, билсең ал менин өчпөс өчүм, кетпес кегим бар адамдын баласы! - Нурбай ушинтип алып кайра күңкүлдөй сүйлөдү, - Ошондо ушу чычкагы кала бергенин кара! - деди өзүнчө. Ырысбек тыңшап туруп баарын угуп турду: "Эмне дейт, чычкагы кала бергенин кара дейби, демек мында бир сыр бар экен" деп эми бурула берээрде, - Экинчи ошол шүмшүктүн атын угузсаң ата-энесине жөнөтүп жиберем! - деди кыйкыра, - Билсең анын атасы менен энесин дал ушул колум менен жайлагамын! Ырысбектин кулагы туна түштү, көзү караңгылап кетти, - Аны да өз колум менен өлтүрөм! - деди эле Перизат:

- Мени да өлтүрүп койуңуз, баары бир ансыз жашай албайм! - деп ыйлап өз бөлмөсүн көздөй жүгүрдү.

- Нурбай, сен эмне деп атасың, бирөө укса эмне дейт ыя, ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө дегендей, ойлобой сүйлөп октобой ооруга жолугуп жүрбө? - деди Айнагүл.

- Алда качан эскирип бүткөн, жыйырма жылдан ашты, эми эмне кылып алмак эле, ким далилдеп берет, ит менен издесе да таппайт, кимиси издемек, мурдунун богун тарталбаган жетимби, же жанага ашын зорго таап жеп жүргөн жаман инисиби? - Нурбай каткырып алды да түнөрүп отуруп калды. Ырысбекке эми баары бир болуп турду, артына бурулуп үйүнө келатып: "Жыйырма жылдан кийин эмне кылып алмак эле, ким далилдеп берет, ит менен издесе да таппайт, кимиси изилдемек, мурдунун богун тарталбаган жетимби же ашын зорго таап жеген жаман инисиби?" деген үн кулагына жаңыра берди. Ал үйүнө келип короого кире бергенде алдынан караан чыкты, ал Жоробай болчу:

- Кайда жүрөсүң ыя? - деди ал саал үнүн көтөрө, - Заман минтип турганда үйгө турбай тентип калдың го, сени ойлоп жеңең экөөбүз тең уктай албай биякта күтүп отурабыз.

- Үйдө эле отура бербейт белеңер, барат элем го? - Ырысбек жер карап үңкүйө үйгө кире бергенде Уялкан:

- Ырыс, мынча жүрбөсөң боло, караңгыда жүрбөй эрте келип жүрчү! - деди тозуп алып.

- Эч нерсе эмес жеңе, кабатырланбай эле койуңуздар, ата-энемден калып өлбөгөн эми өлмөк белем, мен жаман уул болдум го? - Отуруп башын мыкчый, - Мен атамдарды өлтүргөн адамды билдим, ал эми мени өлтүрмөкчү! - деди буулуга.

- Эмне дейсиң, ал ким? - Жоробай инисине элээ карады, өзү айттыбы?

- Өз оозунан уктум, - Ырысбек укканын бүт айтып берди, Жоробай унчукпай отуруп калды: "Демек калк бекер айтпайт, мен анын түбүнө жетем!" деп ойлонуп алды ичинен, жаш баланы тукуруп бөөдө түрмөгө түшүрүүдөн чочулап:

- Ырыс, ал кызына жини келгенинен дөөрүп жаткандыр, "битке өчөшүп, көйнөгүңдү итке ыргытпа" деген, сен али жашсың, келечегиң алдыда, андан көрө үйлөнүп тиричилик кыла бер, анын кызынан башка кыз алып берем, - деп жооткотмок болду эле Ырысбек:

- Мен Перизаттан башкага үйлөнбөйм, өлбөй өчүмдү алам Нурбайдан! - деп ордунан тура калды. Аны Уялкан экөөлөп сооротуп, тынчтандырышты: "Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер" дегенди түшүндүрүп эптеп аны үйгө алып кетишти. Ырысбек өкүнүп калды: "мен чыдамсызмын, айтпай эле койгондо болмок, өзүм бүтүрүшүм керек!" деп ойлоп жатып калды. Жоробай божомолдор келип акырындык менен ачыкка чыгаарын ойлоп өзү да ич арадан Нурбайдын досторунун баарын байкап көрмөк болду. Жумушун токтотуп иче баштады: "мени агасынын неден өлгөнүн билбеген жаман акмак деп жүрүшкөн тура, маң башмын, ушу тырмактай балача жокмун, менде намыс жок, кечир бир боорум, сенин кунуңду эми кууйм" деп кичинекей дүкөнчөнүн жанында отурду. Бул мурун магазин эле, азыр аны Кадырбек деген сатып алып өзүмдүк кылып алып алган. Дүкөндө кийим-кече, тамак-аш, арак-шараптын баары бар. Жоробай сырттагы отургучта отуруп алып пиво ичип аткан, анын жанына үч-төрт киши отуруп арак иче башташты. Алардын экөөсүн тааныйт, бири кийинки күндөрү Үсөнбай Нурбай менен көп жүрүп калган. Машинасы менен айтканын аткарат ал, Үсөнбай эми туруп кетээрде бири:

- Кел тууган, бирге отур, ачууга ортоктош болсоң биздин эчтекебиз кемибейт, өзүң да бүгүн эс алып жүргөнсүң го? - деп калды.

- Жок акелер, сиздер отура бериңиздер, мен кетип жаттым эле.. . - Жоробайдын болбогон ойуна койбой алар отургузуп койду. Бажырашып көпкө отурду. Баары мас болуп калганда Үсөнбай кетмек болду, анын артынан Жоробай дагы чыкты, улам артын карап койуп андан алыстамак болгон Үсөнбай шашып жөнөгөндө Жоробай ага жөн салды гана:

- Үсөнбай аке, чогуу басалы, токтой туруңуз, - деди.

- Мени эмне кыласың, өз жолуң менен кете бер! - ал күңк этип койуп токтобой кете берди. Жоробай ага жете келип аны карыдан алды:

- Токто десем болбойсуз, шашсаңыз дагы баягы жашоо, шашпасаңыз да баягы, жүрүңүз экөөбүз жүздөн ичип алып анан кетели, - деди.

- Эмне? - Үсөнбай чын айтабы калп айтабы дегендей аны оңурая карады, - Бала, сен мени ким деп жүрөсүң? - деп калды.

- Сизби, сиз Үсөнбек акесиз да, эмне башка дагы атыңыз барбы?

- Кой иним, бар бара бер, мен ушул ичкеним менен барып жатам, - Үсөнбек колун шилтей жөнөй бергенде Жоробай унчукпай калды, - Мен өз жолум болойун үкө, мени жайыма кой. Үсөнбай ушул ирээт Нурбайдын: "оозуңду бекем кармай албасаң сени да жөнөтүп койом, ойлобо мени оңой адам деп, өмүр бойу эле сага ооз басырык берип жүрө албайм, короодо койуң же бир көзгө көрүнөөрлүк эчтекең жок, жашооң өтпөй калганда эле мени коркута баштадың, байкап жүр досум, өлгөнүңдү билбей каласың" дегени эсине келип кетип баратты: "энеңди урайын акмак, сени шашпа мени сен өлтүрүп болупсуң" деп жини келип артын караса Жоробай ылдый көздөп кетип калыптыр. Жоробайдын ичип жүрүп алышы Уялканды ойго салды: "бул эми бир топ жылдан кийин кантип өч алмак эле, ушинтип жүрүп биротоло ичип кетпесе болду". Ал ошол күнү да, кийинки күнү да ичип келип жатып калды, Ырысбек болсо өзүнчө кыйналып агасынын күндө ичип келгенине жини келет. Өзү Нурбайдын кайда барып кайдан келгенин аңдып жүрө берди. Бир күнү кечке маал жолдо атчан Нурбай кетип жаткан экен, ары жак, бери жагына ооп баратканына караганда өтө эле кызуудай экен, Ырысбек анын артынан көздөп жөнөдү, бир кезде ал аттан түшүп бейшоптемек (эки күн ойонуп да таба албай койдум) болду окшойт Ырысбек ага көрүнбөй аттын далдоосуна өтүп ал ыргалып туруп калганда басмайылын кесип, учунан гана илинчек кылып ооздугун чыгарды да алдыга карай басып жолдогу ташка жашынып калды, жол ээн, сарайга чейин бир топ жол бар. Көптөн кийин Нурбай эптеп жатып атка минди да жөнөдү. Ташка жашынып турган жеринен чыга калып атты үркүтүп, артынан таш бараңга алып кирди. Ат ээ бербей кетип жатты, Ырысбек баса берди: "Эми көрөөрмүн, өлбөсө да бирди көрөт" деген ойдо келсе Жоробай дагы мас болуп уктап жаткан экен. Эртеси ал аны менен сүйлөшмөк болду:

- Аке мени үйлөнтүп адам кыла турган сиз минтип ичип жүрсөңүз менден мурун балдардын тагдыры эмне болот?

- Ичпейм, экинчи ичпейм, мен жаман болуп кеттим, эми эч качан ичпейм, - башын шылкыйта отуруп берди. Эртеси эртең менен узун кулак Уларкан деген аял алардын үйүнө кирди да:

- Ой уктуңарбы ыя, тиги Нурбайды түндө бир ак кийимчен караан кубалап атын жылоолоп алган экен, жыгылып эс учун билбей жатыптыр дейт! - деп калды. Ички үйдө ойгоо жаткан Ырысбек кулак төшөп калды.

- Ким айтты аны? - Уялкан ага таңгала карады.

- Азандан баласы тиги Жусу молдону ээрчитип баратыптыр, эмне болду деп сурасам ошентип айтты.

- Жаман болгон турбайбы, ээн талаада жашабай көчөдөгү үйүндө жашаса болмок да.

- Ошону айтпайсыңбы, элден журттан алыстап эле ээн сарайды приват менен алып алганына кыйынсып ээлеп жаткан да.

- Эх, өлүп кетпейби, эмне болсо ошол болсун, мага десе андан ары кетип калсын, - Уялкан жини келе силкинип алды.

- Түндөсү жөө-жалаң эмес машина менен кетип баратсаң да көрүнчүсү келсе көрүнөт да, дагы кудай сактаптыр, аттан жыгылганда ташка тийсе эмне болот эле, - деп шыпшынып Уларкан сыртка жөнөдү, Уялкан аны узатып чыкты. Муну уккан Ырысбек: "өлбөй калган экен, мейли дагы көрсөтөмүн ага, эми көрүнчү көрүнсө биротоло алып кете турган болот" деп ойлонуп тим болду. Жоробай болсо таң заардан башын жазмакка дүкөнгө кеткен.

- Жоробай дагы ичкени кетип калыптыр, муну кантип токтотоорумду билбей калдым, балдардын окуусу келатат, иштебесе ага айлык да бербейт, элдей малыбыз болсо да четинен сатып алат элек, жалгыз уйдун торпогу менен төрт жандыкты түгөтүп алсак кийинки жашообуз кандай болот билбейм, - Уялкан наалып жатты.

- Азыр акемди мен алып келем, - Ырысбек эшикке чыкса Жоробай келип калыптыр.

- Кайда жүрөсүз?

- Эч жакка барган жокмун, бирдеме ичип алып жумушка барайын, - Жоробай кирип кетти. Эч кимиси үн деген жок. Ошондон кийин ал ичкенин койду. Кадимкисиндей иштеп калды. Ал дагы укту Нурбайдын бир алда жатканын. "Ошондой болмок, кудайдын көзү түз болсо бей күнөө адамды өлтүрүп койуп беймарал басып жүргөнүн кудай да кечирбейт, биротоло алып кетсе болмок" деп ойлоп алды. Убакыт өтө берди. Бул арада Перизат эки-үч жолу келип Ырысбекти таппай калды. Ал ага жолукканы кечке маал өзү келип көнгөн жерине келип жашырынып туруп белги берди эле дароо жүгүрүп чыкты кыз.

- Ырысбек эмнеге келбей койдуң, мен сени күндө күтө берип тажап кеттим, - Перизат ага бой таштап ыйлап ийди.

- Кечирип койчу жаным, атаңдын ооруп жатканын угуп келе албадым.. . Эмне болуп ооруп калды? - Ырысбек кызга эңкейип жүзүнө үңүлдү.

- Билбейм, үзөңгүсү менен басмайылы кесилип калыптыр, жолунан бирөө артына учкашкандай болуп улам алдына чыга калып бирөө көрүнүптүр.. .

- Жаман болгон экен, азыр жакшыбы анан?

- Сүйлөй албай калды, дем салдырып жатабыз.

- Жакшы болуп кетээр, сени качан күйөөгө бергени жатышат?

- Атам жакшы болмойунча тойду токтотмок болду.

- Жакшы болгон тура, - Ырысбек кызды көзүнө тике карап, - Күйөөң менен тааныштыңбы? - деди.

- Көргөм, - Перизат андан тартына жер карады.

- Кандай анан жактыбы? - Ырысбек аны сынай карады.

- Ырысбек, мен аны эмес сени сүйөм, ошондуктан ага көңүл бурган дагы жокмун, а сен мени ойлойсуңбу, менин эмне болуп жатканымды билесиңби деги? - Кыз жигиттин талуу жерине тийди, - Күнү түнү ойлонуп менин азап тартканым сен үчүн эч нерсеге арзыбайбы, алар мүмкүн ала качып кетип да калышы мүмкүн, апам ошентип коркуп атат, ансыз дагы канчага күтөбүз, кызды ала качты кылып алалы деп айттырыптыр.

- Анда мени менен кетесиңби?

- Ооба Ырысбек, сени менен кайда болсо да кетүүгө даярмын, мени таштабачы, мен сенден ажырагым келбейт.

- Атаң айыккыча күтөлүбү?

- Макул, бирок корком, ала качып кетишсечи?

- Ала качпайт, эгер ошенте турган болсо мен сени аерге калтырбайм.

- Чынбы? - Кыздын көздөрү жайнап кетти.

- Чын, сенсиз менин жарык күнүм караңгы түнгө айланат, сен ошону билесиңби? - Ырысбек кызды белинен кучактап алып башына башын тийгизди, - Перизат!

- Оов.

- Мен жетим баламын, сен кийин мага турмушка чыкканыңа өкүнбөйсүңбү?

- Эч качан, биз экөөлөп иштейбиз, баарына жетишебиз туурабы?

- Сөзсүз!

- Ырысбек, баягы сен биз менен таанышып достошконубузду эстейсиңби, мен дайыма эстейм ошол күндү эстеп өзүмчө кызык боло берем, - Кыз күлүп калды.

- Мен ошондо эле сени жакшы көрүп менин сүйүктүүм болооруңду сезгем да, - Ырысбек кызды кысып койду жүрөгүнө, - Сен ошондо кооз көпөлөктөй кыз болчусуң, мени Замира экөөңөр шылдыңдачу элеңер ээ?

- Койсоңчу, анда биз бала экенбиз, шылдыңдабай эле ойноок экенбиз да? - Перизат уялгандай жер карады. Экөө бир топко сүйлөшүп туруп анан түн бир оокумда, жылдыздар жыбырап, табактай болуп толгон ай төбөгө келгенде бөлүнүштү. Бу жаштыктын өзү эле кандай рахат, көбүктөнгөн толкунга төштү тосуп, суунун агымы аларды оп тартып баратса да кайыл болуп, өмүр бойу бал татыган жашоонун кучагында мемиреп, сүйүүнүн керемет кучагында термелип турганы өзүнчө эле көркөм, айтып бүткүс жомок эмеспи жаштыктын. Түндүн керимсел желине көкүлүн сылай түн катып бир караан келе жатты, бул Ырысбек, канча ирээт ойлонду, атасынын өчүн алып, өзөгүн өрттөгөн кегин сүйүүсүнөн биринчи койуп басып кетүүнү, бирок анте албады, сүйүүсүн кече албады.. . Көз алдынан Перизатты келтирип алып эчен жолу таразалап көрдү, бирок өз келечегин алдыдагы тагдырын ойлоп ата-энесинин арбагынан купуя кечирим сурады. Ырысбек өзү өтө тартынчаак, өжөр болгондуктан үйүнүн эки жагын көктөндүрүп жайкысын аерден кетпей жаңы көчөттөрдү отургузуп, терезелеринин түбүнө ар түрдүү гүлдөрдү жылыга жаңыртып тигип ошол жерде. Жоробай аны өзү иштеген жерге ишке киргизди. Бир күнү Жоробай айлыгын алып келатып пиво ичип алгысы келип дүкөнгө кайрылып отуруп калды. Ошол убакта Үсөнбай кызуу болуп келип калды.

- Оо Жоробай, кандай бу.. . - деп жанындагы Сейит учурашып калды эле ал тура калып учурашып орундукка колун жаңсады.

- Кел отуруңуз, - Үчөө көпкө отурушту. Үсөнбай Жоробайды карай албады. Качан туруп кеткиче сүйлөгөн жок. Эртеси эрте ал жумушка жөнөмөк болгондо Үсөнбай анын короосунун оозуна келип калган экен. Ал аны карап туруп:

- Жоробай, сени менен сүйлөшчү сөздөр бар эле.. .

- Кулагым сизде, айта бериңиз, - деди Жоробай.

- Узак кеп, жай сүйлөшсөк болот эле.

- Анда мен жумуштан келейин.. .

- Макул анда, - экөө бирге ары басышты. Жоробай жумушка кетти. Кечке маал үйүнө келсе Үсөнбай аялы, өзүнүн апасы болуп үйдө отурган экен. Жоробай таң калып аялынан ымдай:

- Эмне болду? - деп шыбырай сураса ал ийнин куушурду.

- Кайдан билем? - Экөө үйгө кирип конокторду түшүнө албай карап отуруп калганда кары кемпир Жумабү:

- Балам, - деп кеп баштап айтып келип, - Ошондон бери Нурбай муну коркутуп келген экен айланайын, бул ишти кечээ гана айтып отурат, ичип алса унутуп калып, ичпесе болгон окуя көз алдынан кетпей Нурбай экөө канча урушуп жүрүшкөнүн айтты балам, алдыңа келсе атаңдын кунун кеч деген тура, - деди эне Жоробайды карап.

- Мен кечире албайм, кеч болсо да жооп берешиңер керек, мен Нурбайды дагы милицияга берем! - Жоробай жиндене ордунан турду. Аялы аны акырын гана тыйды. Бирок эчтеке дебеди. Жоробай менен Ырысбек ыйлап отурушту, көптөн кийин Ырысбек:

- Кан куткарбайт дешет го, кудай жазалайт аке, мен жаш болдум, эгер ошондо ушундай болсом ата-энем менен кошо койот элем! - деди. Аңгыча Үсөнбайдын бир тууган агасы ит жетелеп келип короого байлады да үйгө кирди.

- Кулдугубуз бар Жоробай иним, бул кылмыш кылбаса да жашырып келген күнөөсү бар, ошондон бери уккан эмес элек, угуп алып урушуп арбактан кечирим сурап куран окутканы келдик! - деп аялы Турду келини болуп баштык менен куржун көзүнө таттуу менен кошо семиз койдун этин бышырып, боорсокторду дасторконго төгүп отура калышты да Аалы менен Айсулуунун арбагына багыштап куран окушту.

- Мени кечирип кой Жоробай, күнөөмдү мойнума алам, анда мен атайын аларды өлтүрүү ойунда бар экенин билген эмесмин, - деп Үсөнбай курун мойнуна салып чөгөлөй калды, - Канча жолу айтып койойун десем Нурбай менин оозумду басып коркутуп, сени да өлтүрүп койом деп жүрдү.

- Айла жок, Асанбай аке менен энемди сыйлайын, эгер өзүңүз болгондо бирди кылмакмын, өткөн өттү.. . - Жоробай аргасыз "кечтим" деди, башын жерге салып буркурап ийди, - Агам жапжашында кетти, силер минтип жүрөсүңөр го?!

- Кечир Жоробай!!! - Андан кийин дасторкондо бир топко чейин кобурашып отурушту. Келгендерди узатып анан өздөрү калганда Ырысбек:

- Нурбайдан бетер көзүмө арбак көрүнө электе чындыкты айтып кечирим сурайын деген экен го? - деди.

- Кой Ырыс, чынында убакыттын өтүп кеткени болду, болбосо башын жарып жолго салмакмын, ким ойлоптур ушундай болот экен деп, кокустуктан кулап кеткен экен деп жүрбөйүнбү. Ар кайсыны ойлонуп отуруп Ырысбек үйүнө кетмек болду, айлана тегерегин карабаса алма-өрүгү бышып калган кез. Жоробай аны жалгыз жибербей төшөк көтөрүп алышып өзү кошо келди. Андан кийин экөө күндө кайтарып жатышчу болду. Ырысбек колу сындуу, жыгачтан кооздоп сөрү жасап, краскалап бак ичине койуп койду. Арадан он күн өтпөй Нурбайдын баласы он кой, бир жылкы, бир музоолу уйду айдап Жоробайдын алдына түштү. Уккан эл жерге түкүрүп жатты: "Өлөөрүмдө болсо да тирүүлөрдүн алдынан кечирим сурап, күнөөмдү мойнума алайын, кечиргиле мени, өчөштүк, ыза мени ушуга алып барды, өз күнөөмдү жууш үчүн кызым Перизатты Аалынын баласына берүүгө макулмун, балдар мени кечирсин, бактылуу жашап, өмүрлүү болушсун" деп алакандай кат жазып бериптир, баласынын артынан куржун көзүн толтуруп аялы ат менен келип калды. Ошентип качанкы кылмыштын жүзү өзүнөн өзү ачылып, өлгөндүн арбагынан кечирим сурап ырым-жырымын жасашты. Жоробай эмне кылаарын билбей калды. Бир күнү Ырысбек Перизатка жолукмак болуп барып аны чыгара албай койду, тааныш дабышты угары менен жүгүрүп чыкчу Перизат кечигип жатты. Ал атасынын Ырысбектин ата-энесин өлтүргөнү үчүн кечирим сураганына уялып тултуйуп отурган эле: "Эми кантип бетин карайм, Ырысбекти жетим кылып койуп өлөөрүндө гана күнөөсүн мойнуна алганын кара, мен эми эч кимге күйөөгө тийбейм, өмүрдөн так өтөм!" деп ыйлап жатып алды. Көпкө күтүп сүйүктүүсүнөн кабар болбой акырын жылып тамдын артына өттү. Терезелерин шырп алдырбай карап жүрүп бир терезенин тушунан ыйлап жаткан дабышты угуп шыкааласа жалгыз кроватка жатып алып солкулдап ыйлап жатыптыр. Ачык терезеден дабыш чыгарбай аярлап кирип барды да:

- Перизат, сага эмне болду? - деди шыбырай.

- Ким? - чоочуп тура калган кыз көздөрүн алаңдата аны карап туруп калды, - Сен.. . сен эмнеге келдиң? - тез ары бурулуп кетти, - Мен сени менен жолуккум келбейт Ырысбек, азыр кетип кал! - Бетин эки колу менен басып алды.

- Сага эмне болду Перизат, сен мени сүйбөйсүңбү? - Ырысбек анын жанына отура калды.

- Ооба, мен сени сүйбөйм, эч кимди сүйбөйм!

- Болуптур, мен кеттим анда Перизат, жакшы кал, кайда болсоң да бактылуу бол, сен менин жүрөгүмдө баягы секелек, кичинекей кооз көпөлөктөй кыз бойдон кала бересиң, сени кыйнап сүйдүрө албайм! - Ырысбек артына бурулуп эки кадам ары жылып кайра токтоду, - Демек, кыздардын сүйүүсү убактылуу гана тура, сен муну далилдедиң, кош Перизат! - Ал терезеден секирип чыкмак болгондо Перизат:

- Кудай жалгагыр, бир мүнөткө.. . - деди бери карабай туруп, Ырысбек тык токтоду, бирок ал дагы аны карабады: "ушул бойдон жүзүн көрбөй эле койойун, жаштуу көзүндө арман турат, мен анын күлүп жайнаган гана жүзүн көргүм келет" деген ой жүрөгүн мыжып турган эле.. .

- Айтаарыңды айт, кетишим керек, эми бул жерде мен кармалчу эч нерсе калган жок!

- Азыр, - Перизат сүйлөй албай буулугуп бир аз турду да, - Ырысбек, сага эмне айтаарымды да билбей турам, атамдын кылган иши сенден ажыроого аргасыз кылды, сен мени кечир, өмүр бойу сен деп жүрүп өксүп өтөөрмүн, мендей бактысызды эсиңден чыгарып койсоң да болот, мен өзүмдү бактылуумун деп эсептечү элем, эми анын бири жок, - Кыз улутунуп алды, - Эми бара берсең болот!

- Перизат, бул сенин акыркы чечимиңби?

- Ооба, акыркы чечимим, кош бактылуу бол! - Эчкирип жиберди, үнүн канчалык акырын чыгармак болгон менен баары бир катуулап чыгып жатты, ошол убакта эшигин ачып кирип келаткан апасы:

- Перизат! - деп калганда Ырысбек кроваттын артына бекине калды. Кыз алаңдай босогого жетип барды.

- Эмне боду?

- Ыйлап жатканыңды угуп эле.. .

- Ыйлабагандай ишпи апа, мени тынч койгулачы! - деп эшикти жаап алды. Апасы кирбей ары карай сүйлөнүп кетип калды.

- Перизат, сен эмнеге минтип жатасың, мен мурун эле угуп баарын экөөбүздүн сүйүүбүз үчүн кечип койгомун, жашоодо баары боло берет тура, - Ырысбек аны эки карысынан кармай көзүнө тигилди, - Уктуңбу, сүйүүбүз үчүн баарын кечирүүгө даярмын, эгер алар антип кечирим сурабаса деле мен сенден баш тартмак эмесмин!

- Чынбы Ырысбек? - Перизат жаштуу көздөрүн жалжылдата ага тигилди, - Сүйүүбүз үчүн кечиресиңби?

- Сөзсүз кечирем, мага сен гана керексиң!

- Ыры-ыс! - Перизат жигитинин төшүнө башын жөлөй шыбырады, - Мен акылсыз, мен кем акыл, сенден ажырап калдым деп, өз жанымды кыймак болуп жатпадым беле, ыраазымын жаным.. . - өпкө өпкөсүнө тийбей солуктап жатты, - Менин бактым, ырысым жалгыз гана өзүңсүң!

- Ардактуум десе, эгер сен өзүңдү өлтүрсөң мен сенден бир мүнөткө калбайт болчумун, - Экөө бир бирине ыраазы болуп кыйышалбай турушту. Ал түнү алар бирде күлүп, бирде ыйлап отура беришти. Эртеси таң агара терезеден чыгып кетип калды. Ошол түнү Жоробай инисин издеп уйкусу качып чыкты. Эртеси эрте келген Ырысбекти көрүп эле:

- Кайда жүрдүң, жүрөктү түшүрдүң го? - деди.

- Оой аке, мен эми жаш бала эмесмин го, балдар менен жүрдүм, - Ырысбек Перизаттыкында болгонун жашырып мулуңдай күлүп койду.

- Ошентсе да коркот экенсиң, же айтып кетпей.. .

- Мындан ары айтып кетем, кабатыр болбоңуз аке.

- Ай-ай тентек, сен менин кандай сарсанаа болгонумду билбейсиң да, агамдын жалгыз баласы болсоң корком да, бирөө жарым менен урушуп калабы деп.. .

- Койуңузчу, - деп дасторконго отуруп чай ичип атып агасына карап сырдуу жылмайды, - Сиз билесизби, мен.. . - деп алып кайра унчукпай калды.

- Эмнени айтайын дедиң эле? - Жоробай ага суроолуу карады.

- Айтайынбы? - Ырысбек агасынын көзүнө ойлуу карап алды да Нурбайды кандай кылганын айтып келип, - Ошентип коркконунан мойнуна алууга аргасыз болду.. . - деди.

- Аз-зама-ат, мен аны ойлогон эмес экемин, бирок мындай ишке барбай жүр, өзүң жалгызсың, этиет болчу садага, - Жоробай инисин далыга таптап койду, - Алар ансыз дагы бейкүнөө адамды өлтүргөнү үчүн жазасын алат, - деп ойлуу отуруп калды. Эл ичинде укмуштуудай ушактар жүрүп жатты. Бирок ар кимиси ар кайсыны айткан менен Нурбай менен Үсөнбайга наалат айтып: "Бөөдө жаш немелерди өлтүрүп койуп билинбей жүргөнүн кара, кокус Нурбай тигинтип калбаганда балээни кечирим сурап кун төлөмөк беле" дешип бир сыйра дуулдап барып токтоду.

Ошол жылы күзүндө Ырысбек менен Перизат үйлөнүштү, өз үйүнө баарын даярдап койгон Жоробай. Калың берип төркүлөтмөк болду эле аңгыча Нурбай дүйнөдөн өтүп кетти, кызынын себин Сабира жөн гана эки жеңесинен берип ийди. Ошентип эки жаш бир бирине болгон арзуусу үчүн баарынан кечүүгө даяр болуп жүрүп акыры жеңишти. Жыл айланбай кыз, анан уул төрөп алды Перизат. Жоробай аларга баш көз болуп улуулук акыл насаатын айтып турат. Бактылуу жаштар эми балдарынын келечеги үчүн кам көрүп мал күтүп, үй-жайды карап, короонун эшигине дагы үй курууга киришти. Бир күнү Жоробай келип:

- Ырыс, сен үй салсаң сал, жыгач ташты туугандар чогултуп беребиз деп атат, - деди.

- Эмнеге, боору ооруппу? - Ырысбек таңгала сурады.

- Боор ооручу беле, аял алганда да, үйүн оңдогондо да жардам бере албадык, жыгач ташын биз беребиз деп мени чакырып айтышты.

- Өздөрү билсин аке, азыр сиз экөөбүз кудайга шүгүр бир бирибизге жөлөкпүз туурабы? - Ырысбек агасына жылмая карап койду.

- Анан эмне, кудайдын кулагы сүйүнсүн, сени мага жөлөк кылып таштап кеткен тура акем, - Жоробай ана карап кубана күлүп койду, - Аман жүрсөң эле болду, инилериң, карындаштарың чоңойсо сен дагы жалгыз болбой каласың.

- Ой алар өзүмдүн бир туугандарым да, анан булар чоңойсо бир чоң айыл болуп калат экенбиз, - Ага-ини көпкө сүйлөшүп туруп калды, анан аларды Перизат үйгө чакырып дасторкон жайды. Мына ушинтип бир кезде жетимканаага түшкөн беш жашар бала үйбүлөө күтүп бей капар жашоонун шарына аралашты.

Бүбү кемпир үйдүн түбүндө күнгө кактанып отурганы отурган. Анын минтип отурганына бир топ жыл болду, өзү да билбейт канча жыл болгонун, жүзүндөгү кабат кабат тырыштардын канча азаптан кийин пайда болгонун өткөн күндөр, басып өткөн жолдору гана далилдечүдөй. Кылаар иши да жок, үй буйумдары дагы өзүнө окшоп эскирген, көөнөргөн жууркандарын күнгө жайган болот, баары бир эскирип калган төшөктөрдүн жылуулугу жоголуп кышкысын бүрүшүп кабаттап жамынып жатып алып түндүн өтмөгү тозок, узун түндө уйкусу качып, өткөн күндөрүн эстегенде эрксиз жылмайып алат. Анын Бүбү кемпир аталып калганы да качандыр бир кезде болгон окуя эле. Деги эле өз аты Азимбү болчу.. .

Согуш башталгандан мурунку жылдар. Азимбүнүн ата-энеси жок жарды үйбүлөөлөрдөн эле. Апасы Тотукан өтө жоош, кой оозунан чөп албаган момун аял, атасы Айдараалы өтө каардуу, кызыл камчы киши. Балдары атасынын ачуусу келгенде үнүн чыгарбай жүк түбүнө бүрүшүп отуруп кала турган, Азимбү гана атасынан коркмок турсун ага-эжелерин тилин чыгара шылдыңдап атасына эркелеп кала турган. Бирин серин сепкили бар, көзү бүтүк, мурду кайкы кызын жакшы көргөн Айдараалы аны көргөндө негедир бардык ачуусун унутуп калчу. Айдараалынын үч уул, үч кызы бар, эң кичүүсү ушул Азимбү. Бойго жетип он алтыга чыгып, чыга электе аны өзүнүн айылындагы Шераалы устанын баласына күйөөгө берди. Эки уулу үйлөнүп, бири өзүнө жардам берип мал менен. Азимбүнүн күйөөсү жыйырма бештердеги Үмөтбек шуулдаган ачык айрым жигит. Ал Азимбүнү абдан жакшы көрчү, атасынын устаканаасында керээли кечке узатып, кечинде келгенде аны кучагына кысып:

- Зерикпедиңби? - деди акырын гана, анткени оозгу бөлмөдө ата-энеси жатат, Шераалынын аялы Орунбү Азимбүнү негедир келгенден жакшы кабыл алган эмес. Ошондуктан эки жаш өтө тартынып турчу.

- Жок, зериккен деле жокмун.

- Апам эчтеме деген жокпу?

- Эмне демек эле, ал мага үндөбөйт деле.. .

- Сагынып кеттим, сенчи?

- Кантип, эртең менен эле кеттиң го? - Келин күйөөсүнө жылмайып койду, - Күндө үйдөсүң да.

- Ошентсе дагы колуктумду үйдө калганда эстей берип бүгүн колумду чаап алдым, - Үмөтбек таңылуу бармагын ага көрсөттү.

- Ай-ий, этиет болбойт белең? - Азимбү анын колун кармай калганда:

- Ии-ий, ооруп кетти! - деп Үмөтбек кабак кашын тырыштыра колун тартып алды.

- Катуу кармап алдымбы?

- Анан эмне? - Үмөтбек келинчегинин үрөйүн көрүп каткырып ийди, аны көргөн Азимбү таңгала туруп калды, - Эй коркок, мен тамашалап койдум сени, - колундагы таңууну чечип алып, - Мына көрдүңбү, соп-соо! - деп каткырып кучактап алып төшөккө жыгылды, - Алтыным менин, - Үмөтбек ойлонуп туруп, - Азимбү, жүрү эшикке чыгып келебиз, - деди.

- Макул, - Азимбү кийинип алып акырын Үмөтбектин артынан чыкты. Алар ээн жерге келип отуруп алып көпкө кучакташып отура беришти. Асмандагы ай тептегерек болуп тээ күн чыгыш тараптан кылтыйып чыгып келе жаткан эле.

- Ай отуруп тийип калган тура, - деп койду Үмөтбек.

- Отуруп? - Азимбү түшүнө бербей күйөөсүн карады.

- Ий-и, ушул убакта отуруп тийип калат, он беш күн караңгы, он беш күн жарык деген ошо да.. .

- Мен билбейт экемин.. .

- Эми, мындан ары билесиң, сен эми чоңойбодуңбу? - Үмөтбек келинчегинин быйпыйган мурдун чымчып койду.

- Ооба сага! - Азимбү ага чычалай кетти.

- Азимбү, сен мага уул төрөп бересиң ээ?

- Билбейм.. . - Уяла жер карады келин.

- Сен төрөп берсең баламды жерге түшүрбөй багам, өзүм багам, а сен бизге тамак жасап бересиң, - деп келинчегин кучактап алып көк чөпкө уйпалап бир бирине рахат тартуулап көптөн кийин гана экөө тең асманды карап жатып калышты, - Үмөтбек бир колун келинчегинин мойнуна алып келип башына башын тийгизип, - Азимбү, сен мени жакшы көрөсүңбү? - деди, - Айтсаң, кантип жакшы көрөсүң?

- Сениби? - Азимбү наздана өйдө болуп күйөөсүнүн жүзүнө карап, - Мына, момундай жакшы көрөм! - деп эки бетинен эки өөп анан, - Карасаң тээтиги жылдызды, - Азимбү так төбөдөгү жанаша турган кош жылдызды көрсөтүп, - Сен тигинисиндей мен үчүн абдан бийик дагы, жапжарыксың!

- Жа-ным, сен мени жылдызга теңейсиңби ээ?

- Ананчы, мен үчүн сен ошончолук бийиксиң!

- А сен тигиниси болосуң, экөөбүз жанаша турган жылдызбыз! - Экөө дагы көпкө чейин чөп үстүндө эркелешип жатып Азимбү бир кезде ордунан тура калды, Үмөтбек анын артынан өйдө болгондо:

- Сен, сен тээтиги саздагы бакага окшойсуң! - деп кыткылыктап качып жөнөдү.

- Эмне-е, мен сага азыр көрсөтөм, - Үмөтбек аны кууп жөнөгөндө ал качып кете берди, - Сен сөөлжансың!

- Сен бакасың, "квак, квак" деп сайрабайсыңбы, бар сазыңа!

- Баканы көрсөтөм азыр, оозуңа салбасамбы! - деп жүгүрүп жетип, - Кана мен бакамынбы, айт азыр, - деп уйпалап жатты:

- Жок, жок калп айттым! - Боору эзиле күлүп жатып ага жалынып кирди, - Койчу эми, тамашаладым, мени кечирип кой жаным, боорум катып калды, - Азимбү энтигип калганда аны кармай отурду Үмөтбек:

- Таң атып баратат үйгө кирели ээ? - деди.

- Ийи, - деп койду Азимбү, - Атамдарга билгизбей кирип кетели эми.

- Билсе эмне экен, алар дагы биздей эле жаш болушкан да, эчтеке дебейт, - Деп келинчегин бооруна кыса жыттап койду, - Биз бактылуубуз, сен мага төрөп берчи Азим.. .

- Сөзсүз төрөп берем, биринчи кыз, анан уул төрөйм.

- Жо-ок, адегенде уул, анан кыз төрөйсүң.

- Андай болбойт, биринчи уул төрөйм.

- Жок уул.

- Кыз.

- Уул, - экөө тартышып талашып жатканда чыгыш тараптан таң кылайып, бүтүн жандууну бейпилдикке бөлөгөн жарык шоола жер жүзүн жарыкчылыкка тартып мээримин төгүп нурун чача агара баштады. Кайнене, кайнатадан айбыккан Азимбү жоолугун оңдонуп дабыш чыгарбай ички бөлмөсүнө кирип кетти. Үмөтбек анын артынан кирди, кары немелер бул кезде ойгонуп турмак болуп жатышкан эле, аларды байкады, жаштарга жолтоо болбойлу деп байкамаксан болуп койушту. Ошондон канча күн өткөнү белгисиз элдин үрөйүн учурган согуш ааламаты башталып, Эр бүлөлөрдү каттап согушка жөнөтүп жатты, ири алдыда Үмөтбек жөнөмөк болуп ата-энеси ыйлап сыктап жолуна колунан келген тамак-ашын даярдап коштошуп жатты. Түнү Үмөтбек келинчегин кучактап алып:

- Азим, мен келгиче атамдарды жакшы карап тур, согуш бүтсө бат эле келебиз, жакшы жүр, - деди маанайы пас.

- Сөзсүз күтөм, атамдарды көзүмдүн карегиндей карайм, эч кам санаба, тез-тез кат жазып тур ээ?

- Ооба, катты тынбай жазам, өзүң да жоопту токтотпой жазып тур!

- Сагынам го! - Үмөтбекти келинчеги сугалактана өөп көңүлүн ачмак болуп кытыгылап кирди, - Кантип сенсиз күн өткөрөм?

- Мен дагы сагынам, айла жок алтыным, мекенибизди душман басып келатса карап турмак белек, ар бир аткан окту сен үчүн, ата-энемдин жыргалчылыгы, элдин бейкут жашоосу үчүн атам, анан көрүп алсын немистер, өздөрү артка чегингенин билбей калышат, - Үмөтбек кыжынып, дал ушул убакта чын эле айыгышкан жоонун бет маңдайында тургандай үнү каргылданып кетти.

- Тилегиңе жетип душмандар тез эле кайтарылып келип калсаң экен, сенин жолуңду карап күн санап отураармын, - Азимбү күйөөсүнүн төшүнө башын койуп жатып колдору менен белинен кучактап үнсүз ыйлап жатты.

- Кантет Азим, сен антпе да, силерди ойлоп күнү, түнү жанталашып согушам, кашык каным калгыча согушам!

- Антпечи, сен антсең корком, балким сен баргыча согуш токтоп калаар, жолдон кайтып калсаң ажеп эмес.. . - Экөө бирин-бири кыялбаган эки жаш түнү бойу укташкан жок. Эртеси эрте туруп он чакты жигит ата-энеси, аял-бала чакалары менен коштошуп жатышты. Азимбү да кайната, кайненеси болуп коштошуп колун жансай четте карап турду. Караандары узап кеткиче туруп анан ар кимиси өз жайларына жөнөштү. Азимбү жалгызсырап заматта ээн талаада адашкан эликтей бир капшыты эңшерилип үйүнө келди да ички үйгө кирип алып эчкирип ыйлап жатып калды. Кемпир чал өздөрүнчө жүрөгү бир нерсени сезгендей үңкүйүп отуруп калышты.

Азимбү ошондон баштап эки көзү почточудан өтүп жол караганы караган. Канчалык күтсө да үч айга чейин кабар болбоду, кез-кез эстеп алып ыйлап алат, кайрадан кайната, кайненесининин тамак-ашын белендеп, кирин жууп тиричиликтен бошобой алаксып да кетет, күндүн өтмөгү да азапка айланган, убакыт аны ороп алып күнү, түнү санаа менен өтө берди. Бир күнү күтүлбөгөн жерден почточунун үнү угулду. Жүгүрүп чыга калса:

- Кызым, силерге кат бар, - деп колундагы катты сунду.

- Оой, ырас болгон тура, - Азимбү почточунун колунан катты ала койуп үйдү карай жүгүрүп жөнөмөк болгондо:

- Кызым, бул дагы силерге! - деп экинчисин сунду.

- Эки кат бекен? - Бурулган Азимбү почточуну бир кубанычтуу карап алды дейсиң, бул учурду сөз менен айтып жеткириш кыйын эле, каттын сыртына көз жүгүрткөнгө жарабаганын эми сезди, көрсө бири ата-энесине, бирин өзүнө арнаган экен. Азимбү төртүнчү классты бүткөн, андан кийин атасы окутпай койгон. Катты окуганга жарайт. Жүгүрүп кирип:

- Ата, апа Үмөтбектен кат келди! - деп жаш балача кубанычтуу кыйкырып ийди эле Оорунбү ордунан турмак болуп козголгондо Азимбү жанына отура калып: - Сиз козголбой эле койуңуз. Жаныңызга отуруп окуп берем, - деп шашкан калыбында ачып окуп кирди: "Салам кат, Саламым менен уулуңар Үмөтбек. Ата-апа, кандай денсоолугуңар жакшы, демдүү жүрөсүңөрбү? Оорубай сыктабай эле жүрсөңөр болду. Ата-апа, мени сурасаңар абдан жакшы, Ленинграддабыз, эки ай машыгууда болдук, келгенибизге аз эле болду, убакыт болоору менен кат жазып жатам, кудай буйруса душмандар менен беттешүүгө эми киришебиз, ата сени, апамды, Азимбү үчөөңөрдү уят кылбайм. Мени көп ойлоно бербегиле, ага-туугандарга салам айткыла. Эмесе жакшы тургула, уулуңар Үмөтбек. 1941-жыл. 19-август. " Катты окуп жатып көзүнүн жашы куйула ордунагн туруп өзү жаткан бөлмөгө кирип кетти. Оорунбү да ыйлап:

- Каралдым, аман кайтсаң эле болду, бизди аяп койгонун, бизди кудай алмак беле, өз үй, өлөң төшөгүбүздө карыган чакта сенин эсендигиңди тилеп күн кечирип калдык, - деп өзүнчө кобуранып атканда Шераалы келди.

- Сага эмне болду, ыйлабай жүр дебедим беле, көзүң агып калсын, амандыгын тилебей эле ыйлай бересиң да? - деп наалый төргө жантайып жата кетти.

- Үмөттөн кат келиптир, Азимбүгө окутуп алып ыйлап жатам.

- Ийи, эмне деп жазыптыр, өзү жакшы эле бекен? - аялына оңурая карап өйдө болду, - Кана берчи, жаман уулумдун катын көрөйүн, - деп жанында жаткан катты алып колу менен сылай, - Каралдым десе, өз колу менен ушул кагазды кармап жазып жөнөткөн да ээ кемпир, айла-анайын жаман десе, аман-эсен келишиңди күтөм.. . - деп катты окуй албаса да көзү менен телмире карап туруп анан оозуна аста алып барып өөп койду, - Жытыңдан айланайын.. . - Каңырыгы түтөй көпкө отурду, - Келин кайда, окутуп угайын?

- Ал ички үйдө, ыйлап жатат окшойт байкуш, ага деле кыйын да, же эки жылдан бери бойуна болбоду, - Оорунбү жер карап отуруп айтты, андан кийин экөө өз ойлору менен алышып отуруп калышты. Бул учурда Азимбү өзүнө жазылган катты окуп жатты.

"Алтыным Азимбүгө сени жанындай көргөн күйөөң Үмөтбектен кат. Кандай Азим, денсоолугуң жакшыбы, атаңдарды жакшы карап жатасыңбы? Алар күүлү элеби? Азим мен сени кө-өп ойлончу болдум, бул согушта далай эр-жигиттер навыт болушту, күндө жүздөгөн жигиттер канга чыланып калып жатышат. Канча үйбүлөөлөр балдарынан, күйөөсүнөн, бир туугандарынан кара кагаз алып сыздап атышат. Автомат кармап жүгүрүп жүрүп өлүктөрдүн арасынан аттап, кээде тебелеп өтөбүз, каңырыгың түтөйт, анткени жарым саат мурун эле жаныңда сүйлөшүп отурган тирүү жандар окко учуп заматта жансыз таманыңда жатса, бир кезде биз дагы ошолордой болобуз деп жаныңдан түңүлөсүң. Азим, мен азыр экөөбүздүн эң бактылуу кезибизди эстеп өзүмчө бактылуумун, бош боло калганда бактылуу кезиңди эстөө чарчаганыңды унуткарып койот экен. Баягы түндөгү асмандагы көргөн эки кош жылдызды карап жүрөсүңбү, аны күндө кара, чын эле ошол жылдыз менмин, сен карап турам, күндө чыгып карасаң мени көрөсүң. Эх, көрсө ошол күндөр бактылуу мүнөттөр тура! Сагынып кеттим сени, кучагыма кысып алып бийлейм, ары-бери басам, бирок кыялымда гана биргесиң, өзүмө келсем чуңкур казылган окоптун ичинде жаткан болом. Азим, жакшы жүр, менин жогумду атамдарга билгизбей белиңди бек буу, немистерди жеңсек бир күнү жадырап жайнап барып калам, эл көргөндү көрүп жашап тургула, мүмкүнчүлүк боло калса эле кат жазам, аман-эсен болгула, көп ойлонбо, күйөөң эл жерди коргогон солдат, билдиңби солдат! Кош Азим! Деп өмүрлүк жолдошуң Үмөтбек. 1941. 19-август. " Буркурап жиберди. Колундагы катты көкүрөгүнө басып алып эчкирип жатты. Сырткы бөлмөдө отурган Шераалы менен Оорунбү анын үнүн угуп каңырыгы түтөп тим болушту, эмне демек. Көптөн кийин Оорунбү кирип:

o Кой балам, көп ыйлай бербе, аман-эсен келишин тилейли, карандай жаны аман келсе эле болду, мунжубу, сокурбу, эмнеси болсо да кыбыраган жаны аман келсе болгону, - деп келининин чачынан сылай сооротуп жатканда ал аны кучактап калды.

o Апа-а, апакебай, деги согуш качан бүтөт, Үмөт качан келет?!

o Айланайын десе, кудай кулум десе бир күнү жарк этип кирип келет, - Оорунбү андан башка эч нерсе айта албады, көкүрөгүндө уулуна болгон куса аны үнсүз көз жашын төгүүгө мажбур кылды, көл болгон көз жашын жоолугунун учу менен аарчып, - Тур балам, атаңа катты окуп бер, ал шордуу да угуп эс алып калсын, - деди да туруп чыгып кетти.

o Азыр апа, - Азимбү чачтарын жыйнап, жоолугун оңдоп салынып, көз жашын кургатып аарчынды, анан сырткы бөлмөгө чыгып, катты алып окуп берди. Үчөө үнсүз отуруп анан Азимбү туруп өз ишине киришти. Унчукпай кирип чыгып күндө көнүмүш тиричилиги менен алек, сумсайып жүзүнө күлкү аралай албай санаа менен күтүүдөн тажабай убакыт өтө берди. Шераалы айылда чуу чыгып согуштан келген кара кагаздан кийинки ый-өкүнүчтү угуп, барып куран окутуп келген сайын үңкүйүп илинип турган комузун алат да күңгүрөтө чертип отура берчү болду, эмнени ойлоп жатат эч ким билбейт, кемпири дагы жашоосу токтоп, калган өмүрүнө кайыл болгондой жата берет, качан Азимбү дасторкон жайып чайын алып келгенде гана үйдө тирүү жан бардай дабыш чыгып, бирин серин үндөрү чыгып калат. Бир бүлөө дал ушинтип күн кечирип калды. Кат келген күнү аларга кубанычтуу болуп үмүт пайда болот: "Согуш бүтүп калса, Үмөтбек кирип келсе" деп үмүттөрү алга карай жашоого үндөйт. Шераалы өңдөн азып төшөккө жатып калды: "Уулумду аман көрөөр күн барбы" деп санаа тартып жүрүп катуу ооруп калды, да ошол кезде Үмөтбектен кара кагаз келип Оорунбү эсин жоготуп боздоп какшап калды, Азимбүнүн абалы андан да оор, ата-энеси келип, бир туугандары тынбай каттап турушту. Оор кайгыны көтөрө албай Шераалы, андан көп узабай Оорунбү көз жумду, жалгыз калган Азимбүнү үйүнө алып кетишти. Айыл ичинде катын-калач, жаш балдар, карыган кемпир-чалдар гана калган. Жаш келин-кыздар жашы жете элек балдарды эгин оруп жыйууга айдап, үйлөрдө өбөктөгөн чал-кемпир менен ишке жарабаган балдар калат. Азимбү дагы элдин, өзүнө теңдүү кыз-келиндер менен талаада. Бара бара кайгысы унутулуп жашоо шарттын өзгөрүүсүнө көнүп калган. Жумушчулардын башында согушка жарабай калып эптеп аялдарга башчылык кылган Сүйүнбай деген бар, анын өпкөсү оорулуу эле. Ал үйлөнө элек, Азимбүнү көрүп тийишип калчу болду. Ал тургай анын ата-энесине да киши жиберип колун сурады, канчалык так секирип болбой койсо Айдараалы:

o Сен кызым качантан бери сөз укпай калгансың, заман бул болуп турат, тилимди ал да Сүйүнбайга бар, ага барсаң кардың ток, кийимиң бүтүн болот, иштебейсиң, сага жамандык каалабайм, азыр агаларың, жезделериң согушта, андан көрө тынып, тынчып калганың жакшы эмеспи? - деди.

o Капырай анын өпкөсү ооруйт, оорукчан немеге кызыңды берип кайсыны көргөнү турасың, кечээ эле күйөөсү өлүп эми гана кишиге кошулуп калганда тим койсоң боло? - Тотукан кейий күйөөсүнө карады.

o Эчтеке болбойт, эри жок жүргүчө өзү менен өзү болсун! - Айдараалы өз билгенин койо бербеди, күзүндө чакан той берип Азимбүнү Сүйүнбай алып кетти, атасы жок, апасы бар эле анын. Азимбү көңүлү келбесе да Сүйүнбай менен жашап калды. Ал таң заардан кетип түнүндө келет, колхоздун оруу, жыйуу жумуштары бүткүчө жаны тынбайт. Азимбү үйдө керээли кечке кайненесин карап жаны калбай тиричилик менен алек. Бир күнү Сагыйпа деген келин:

o Ай Сүйүнбай, аялыңды үйүңө катпай иштетпейсиңби ыя, же активдин аялы иштесе болбойбу? - деди эртең менен чогулушка келген кезде.

o Чын эле, эмнеге Азимбүнү көлөкөгө катып багайын деген го?

o Эри жок аялдарды иштетип койуп, эри барлар үйдө отура береби, чыксын Азимбү дагы! - деп калган аялдар да жаалап ийгенде ал:

o Болду, болду эжелер, аны чыгарам, бир аз көнсүн деп атпаймбы? - деп Сүйүнбай кызаңдап тим болду. Сүйүнбай аялдар менен кечке жүрүп арасындагы Гүлбү деген келинге көз артып жүрчү, анын Азимбүнү алганын уккандан кийин ал ага ээн жерден жолуга албай жүрдү. Кеч күз болуп кышкы тойутту камдап, кампага үрөндүк данды өзүнчө, элге берчү данды өзүнчө киргизип жатышкан, согуштагы солдаттарга деп дагы дан бөлүп аны районго ташып элдин жаны тынбай күнү түнү эмгектенип эс алууну билбей жаткан учур. Гүлбүбү бир жолу аны акмалап туруп астынан байкамаксан болуп чыга калды:

o Кандай Сүйүнбай, аял алгандан кийин дегеле эч кимге карабай калдың да? - деди дароо эле.

o Жакшы, жакшы Гүлбү, - Сүйүнбай кайсактай түштү.

o Деги Азимбү жакшы келин эле, багы бар экен, бир айылда беш эркек атка минер болсо ошонун бирине сүйүктүү жар болуп калды.

o Өзүң кыйшактабасаң сени деле алып алмакмын, эми өкүнгөн менен не пайда, - Сүйүнбай ага тийишип калды, - Эгер макул десең сени деле жыргатып турам!

o Оой кокуй десе, бирөөнүн аманат жарын уурдап эмне кылам? - Гүлбү наздана күлүп койду, - Ойношуң болойун дегени турасыңбы?

o Эмне болмок эле, ойнош болуп алсак жакшы эмеспи, жардам берип турам, - Сүйүнбай атынан эңкейе калып, - Качан жолугалы? - деди ырсалаңдап.

o Койсоңчу, Азимбүдөн мага артаар бекен деп күтүп жүрмөк белем? - Гүлбүбү алдыга баса кербездене койду

o Азимбү жаш, эчтекени билбейт жолугуп туралы ыя?

o Кана өзүң айт, кокус жибербей койсом ыйлап жүрбөсүн?

o Андай болбойт, - деп экөө кечинде жолукчу жерди белгилеп эки бөлүндү. Гүлбү эки балалуу келин, күйөөсү согушка баргандан кийин көп өтпөй эле айылга кара кагаз келген биринчи курман болгон адам. Эки жыл өтүп балдарын эптеп багып кайненеси экөө бир бирине эш болуп жашап жүрүшөт. Азимбү бул кезде келин-кыздар арасында, аны көргөн колхоздун башкармасы колуна кантип тийгизээрин билбей жүрүп Сагыйпаны чакырып алды. Ага сүйлөшүп эптеп Азимбүнү колуна түшүрмөк болгон ойунда. Анткени ага башкарма сураганыңды таап берем деген убада берди. Азимбүнү ары айтып, бери айтып акыры жолукканга макулдатты. Ал үйүндө жалгыз баласы менен турчу. Азимбүнүн келээрин укканда эч кимге билгизбей бир кой берип жиберди. Сагыйпа койду сойдуруп, казан асып даярданып баласын кайнисинин үйүнө жөнөтүп ийип өзү үйдө калды. Бекмат элүүлөргө барып калган, кызыл жүздүү, көздөрү төптөгөрөк болгон мурутчан киши, Сүйүнбайга караганда алибеттүү да, көркөмдүү да жигит курагынан өткөнү байкалбаган чымыр денелүү адам, чоң баласы согушта, эки кызы турмушта, көкүрөк күчүгү Мадылбек он эки жашта. Ал күндүзү түшкө маал Сагыйпанын үйүнө келди, атын конторго байлап койуп келген. Сагыйпа Азимбүнү акырын ымдап үйүнө жиберип өзү кийин келди. Бул учурда Сүйүнбай Гүлбү менен бир коктуда сүйүүнүн кумарын татып жаткан эле.. .

o Кел Азимбү, кел!

o Келдик аке, жакшысызбы? - Азимбү уяла туруп калды.

o Кел мындай

, убакыт тар, бүгүн бир сени менен кенен сүйлөшсөм дедим эле.. .

o Эмнени сүйлөшөсүз жарыктык, апамдай болгон аялыңыз турса, агартып уул, кызартып кыз төрөгөн аялыңызга карабай бирөөнүн аялына көз артканыңызды өзүңүз туура көрөсүзбү?

o Эми-и, жашоо деген ушу да Азимбү, кыпкызыл кызгалдактай болуп көздүн жоосун алып өзүңөр азгырып турсаңар жигиттин жүрөгү таш болсо да ээрип кетээр.. .

o Тамашаңызга баракелде, андай болсо күйөөсү жок келиндердин көңүлүн алсаңар болмок экен? - Азимбү аны кыя карап ак жоолугун оңдомуш этип койду.

o Көңүлгө жакпаган адамга сөз коротуп кандай кажети бар, аялдын алдында бүт жер шаарын башкарып турган хан да, дүйнөнү түп көтөрүп омкоруп таштагандай болгон дөө да алсыз болот тура! - Аңгыча Сагыйпа келип отурбай тикесинен туруп сүйлөп жаткан Азимбүгө карады:

o Апе-эй ботом, уяттуу кишини тургузуп койуп бежиреп турганын кара, кой отургула, капырай бу кишини бүт айыл сыйлап алдынан туура чыгалбайт, - деп Азимбүнү көзүн ымдай төргө өткөрдү.

o Эже, бирөө жарым билип калса кантебиз, бойдок болсом бир жөн, күбүр-шыбыр сөз болсо ата-энемдин алдында жүзүм кара болбосун? - Азимбү дале көңүлдөнбөй турду, бирок күйөөсүнө караганда жаштардай көрүнгөн салабаттуу адамды эки жылдан бери сыртынан көрүп жүргөнгө көңүлү түз эле, бир аз кылчаңдап анан отуруп калды.

o Эчтеке болбойт этпейт, Бекемдин көңүлү толгон келиндерге түшпөй, сага түшүп атканда бир келген бакытты кармап кал! - деди да жаңыртып чай куйуп койуп, - Мен тамакты алып келейин, бышып калды, силер сүйлөшүп отургула, - деди да чыгып кетти. Ал чыгып кетээри менен Бекмат Азимбүнү колунан кармай:

o Азим, менин демимди суутпа, көңүлүм түштү сага. Эгер макул десең корооңо кой, ичериңе аш, кийээриңе кийим болот, күйөөңдөн ажыраш, сага үйлөнүп алам, аялым оорукчан, өзү макул болгон, - деди.

o Ошол малды, дүнүйөнү күйөөсү жок кыйналып жаткан үйбүлөөгө, күйөөсү жок аялдарга арнасаңыз болмок, менде кудайга шүгүр, ата-энем, күйөөм, кийээрге кийим, ичерге ашым бар, башканы бактылуу кылсаңыз жакшы болмок!

o Жо-ок Азим, башкага көңүлүм жок, - Бекмат анын колун өйдө көтөрүп аста өөп койду. Экөө көпкө чейин ары тартышып, бери тартышып жатып акыры Бекмат:

o Сүйүнбайдын өпкөсү калбай калган дешет доктурлар, андан көрө ушундайда ажыраш, - деди эле Азимбү жылмая:

o Анда анын акыркы күнүнө чейин күтүңүз, - деди.

o Ошо кантип болсун жан селки, сенин жылмайышың өзүнчө эле көркөм, бассам турсам элесиң көз алдыман кетпей, жаным жай албай калды, - деп жан алы калбай жалбарганына Азимбү унчукпай калды, ал ушул учурда күйөөсү Сүйүнбайды эстеди, олдоксон, аялга жагымдуу сөз арнай албаган копол, жадагалса өпкөнү да жагымсыз. Түнкүсүн эптеп күйпөңдөп алат да чарчап жатып калат, ушуларды ойлогон жаш келин жанындагы кызыл жүздүү, кара мурут, көздөрү чөйчөктөй болгон сулуу кишинин арзуусуна татыганына ичинен ыраазы болду. Ошентип күндө жолугуп турууга сөз бекитишти да семиз эттен кыя кесип жеп, шорпо ичип тойуп алып кырманга жетип келди. Алар келгенде Гүлбү ары жактан көрүндү. Сүйүнбайдан дайын жок. Сагыйпа ушул учурда абдан кыйналып турган, оңуп эле калды: "Күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичет" дегендей бирөөлөр ачка кара жарма менен кыңырылып жатып, эртеси кайра кара жармага кере тойуп алып, оозунан кара суу келип өлбөстүн күнүн көрүп жатканда пендечилик деген ушу да, көңүл ышкысы үчүн бар оокатты алдыга койуп жанын тартуу кылууга даяр болгон. Бекмат Азимбүдөн эч нерсе аяган жок, элдин ичинде жөө ушактар аралап экөөнү билгени дагы, билбегени да сөз кылып жатты: "Бир ит көрүп үрсө, бир ит көрбөй үрөт" деген сөдүн чындыгы ушунда го? Азимбүнүн бойуна болбоду, Сүйүнбайдын жөтөлү көбөйүп ишке жарабай үйдө болуп колунан келген аракетин кылса да болбой арыктап баратты. Апасы үйрүлүп түшүп Азимбүгө:

o Ботом, күйөөң ооруп атканда иштебей эле койбойсуңбу, же бой-сойуңа болбоду, төрөп түшүп алсаң болот эле го? - деди бир күнү.

o Апа, уйдө жата турган убакпы, Азимбү иштей берсин, оорудан айыгамбы, айыкпаймбы кудай билет, ушундан көрө согушка барып өлсөм жакшы болбойт беле? - Сүйүнбай каңырыгы түтөй күңгүрөндү.

o Аял деген ооруп жаткан күйөөсүнө карайт, Бекматка айтайынчы, ал оорубайт бекен, келинимди жумушка айдаба деп, - Кайырбү баласынын кебетесинен чоочуп эле эмне кылаарын билбей далбастап жатты. Жаз келип, кар ала желек болуп калганда Сүйүнбай таңга жуук көзү өтүп кетти. Ыйлап сыктаган Кайырбү аргасыз жалгыз уулунан айрылып кала берди. Азимбү арман кылып кала берди, же төрөп алган баласы жок, ичтен сызып апасына ыйлады:

o Апа, мен төрөбөйт окшойм эмнеге бойума болбойт?

o Билбейм, кудай берээрин унутпасын балам, кудайдан үмүт үзгөн болбойт, - Апасы өзү да мурунтан ойлоп жүргөнүн жашырып койду.

o Үмөтбек менен эки жылга жакын жашадым, же кийин бойума болбоду, төрөбөйт окшойм, - деп көзүнүн жашын сыдырып алган кызына боору ооруган эне аны сооротуп тим болду. Колунан эмне келмек. Сүйүнбектин кыркын бергенден кийин эле карасын алып үйүнө алып кетти. Кайырбү аны кармаган жок. Ал Бекмат менен жашырынып жолугуп жүрө берди, жок дегенде төрөп алмак болду ойунда, бирок өчөшкөнсүп бойуна болгон жок. Бекмат аны эч нерседен кемитпеди, согуш бүтүп элдин маанайы көтөрүлүп майрам бүт элдин ичинде шаңдуу музыка ойноп, радиодо жеңишти даңктап жатты. Кээ бир кара кагаз келгендердин арасынан аман кайткандары да болду, кара кагаз алып кайгы, касирет таркандар үчүн майрамдоо канчалык оор болсо да жалпы элдин тынчылыгы үчүн жеңиш күнү жакшы эле. Азимбү жети жыл ичинде бир топ азар көргөнү менен керилген келин болду, бир айыбы төрөбөгөнү. Көздүү мончок жерге калбайт эмеспи, ошол жылы ага дагы күйөө чыгып, анын беш баласы бар экен. Аргасыз ага тийди, бул убакта атасы өлүп калган, бир агасы, жездеси согушта курман болду. Аман-эсен келген агасы атасынын очогун өчүрбөй апасын колуна алып өз тиричилиги менен алек. Орден, медалдар менен сыйланып баатыр болуп келген Болотканды колхоздун башкармалыгына көрсөтүшүп иштеп калды. Бекмат болсо пенсияга чыкты. Анын аялы төшөк тартып жатып калганда Азимканды алам деп чыкты эле согуштан келген баласы катуу айтып койгон экен үндөбөй калды. Азимбүнүн күйөөсү колхоздо колхозчу болуп иштейт, жоош момун адам, Азимбүдөн он эки жаш улуу. Ал келгенден эле балдарга анча имериле албады. Негедир кыжыры келип жактырбай туруп алды: "Өзүмдөн чыкпагандан кийин бала болуп бермек беле" деп өзүн балдардан чет кармап туруп алды. Бир күнү эч теке кылгысы келбей тестиер кызы Жаркынды кир жуудуруп, өзү коңшусу Шуркан менен отуруп алды, экөө дегеле ынак, айылдагы болгон ушактарды ийне жибине чейин тескеп отура беришет.

o Апа, колум ооруп кетти, жеңилин жууйунчу, чоңдорун койуп койойунбу? - деди он үчтөрдөгү Жаркын жал жал карап.

o Өлбөйсүң жуу, алым жетпейт деп тим эле, жеп ичсеңер кандай, тим эле аяк-аяк ичесиңер го? - деп урушуп койду эле үндөбөй чыгып кетти, - Өлүгүңдү көрөйүндөр, бешөө жөн эле беш жалангыч экен ай, бияктан жасасаң бияктан ичип жок кылат, дегеле эчтеке түтпөйт, - Азимбү жиндене сүйлөп калганда Шуркан:

o Койсоңчу, булар азыр бала да, апасы байкуш жакшы аял эле, катуу ооруп эле өлүп калбадыбы, балдарын Ботобекке өлөөрдө катуу дайындаган экен, эки жыл аял албай жүрдү, анан үй түйшүгү оор келди окшойт аргасы жок үйлөндү, - дегенде Азимбүнүн жини чукул келип кетти.

o Жакшы энесин мен өлтүрүптүрмүнбү, дегеле ушул кыздын жылдызы жок, жүргөн турганына көөнүм тойбойт!

o Ээ кокуй, бирөөнүн баласын бирөө жакшы көрмөк беле, эми сен антпе, ушунча болгондон кийин ысык, суугуна чыдасаң акыбетиң кайтаар.. . - Шуркан балдарды жаман көргөнүнө жини келгендей аны жубата сүйлөдү, - Бала да азыр, жакшы айтып өзүңө имер!

o Ийе кокуй, өз балаң болбогондон кийин боору бөлөктүгүн кылбай койбот да, мага жакшылык кылмак беле? - Азимбү анын айтканын сүйүңкүрөбөй эки жакты караган болду. Аңгыча Ботобек жумушунан келип калды. Аны көрүп экөө ордунун туруп үй үйүнө бөлүнүштү. Ботобек кызынын кир жууп жатканын карады эле Азимбү көрмөксөн боло үйгө кирип дасторконун жая чайын койуп кирди.

o Азимбү, Жаркын кир жууп атабы?

o Ооба, кыз бала жасап үйрөнсө өзүнө эле жакшы, кийин эчтеке кылалбаса өгөй эненин тарбиялаганы дебейби? - Азимбү өзөлөнө сүйлөдү, - ушуларга эле жамандык кааламак белем?

o Ошентсе да.. . - Ботобек нымтырай отуруп калды.

o Кантип эле ушун кыйнала турган жумуш жасатмак элем, жеңилдерин жууп атат, оорлорун өзүм жуудум.

o Мейли байбиче, балдарды уруп сого көрбө, алар эми сенин да балдарың, мен болсо талаадамын кечке, кардын ачырба, кенен эле го?

o Ой күндө чоң чарага камыр жууруйм, кайра маалына жетпейт, тамак ашты бекиткен адатым жок, андан көрө өзүңө дагы карасаң, керээли кечке чарчап келип балдарыңды ойлоп да кыйнала бербей, - Жажылдап анын кийимин алып илип, таза көйнөктөрүн берди да, - Эс ал, өлбөгөн жанга баары табылат, денсоолугуң болбосо кыйын, ооруп калгандан сак болчу, - деп жатты.

o Кудайга шүгүр, сендей аялга туш болуп калдым, болбосо ким билет, балдарымды кууруп турса мен да азап жемекмин да, - Ботобек көөнү жайлана кыңкайып жатып калды. Аны көргөн Азимбү акырын сыртка чыгып Жаркындын жанына барса атасынын костйумун сыгалбай жатыптыр.

o Өлбөгүр, жесең мени да жечүдөй болосуң, ушуну сыгалбай арамзаң кармап жатабы? - деп башка бир койду, - Үнүңдү чыгарсаң көзүңдү чукуп алам, берки жалаңкычтар каякта жүрөт?

o Ойноп жүргөн чыгаар.. . - Жаркын ыйлап жатып жооп берди.

o Өчүр үнүңдү, көзүңдүн жашын аарчы, атаң көрсө да экиленет! - Азимбү аны чымчып алды, - Оозуңдан сөз чыгат экен өлтүрүп койом!

o Апа-а, айтпайм атама, урбаңызчы! - Жаркын муңкана көзүнүн жашы мончоктоп жалдырап ийди. Азимбү аны булкулдатып көзүн аарчып кургатты да жол жакка жөнөдү. Удаа төрөлгөн беш баланын үчөө эркек, экөө кыз, алар майда болгондуктан керээли кечке ойноп жүрө беришет, тестиер болуп калган Жаркынды үйдөн чыгарбай ижелеп жумшап жанын койбойт, бала неме түйтөйүп жүдөп бүтүп калган. Азимбү өзүнүн төрөбөгөнүнөн кыжаалат болуп ого бетер ачуусун кармана албай балдардан чыгарат. Балдар да андан үрпөйүп коркуп турушат. Карды ачса да үйлөрүнө киргиси келбей жүрө беришет. Короонун оозуна келип балдар менен ойноп жүргөн балдар энесинин үнүн угуп жалт карай берди да бери басышты.

o Бекчоро, Күлчоро болгула! - Азимбү колун булгалап чакырды да, - Калчоро кайда? - деди.

o Келатат, - деп дулдуя жооп берди Бекчоро.

o Эмне дулдуясың ыя, энеңерди мен жыга чапкансып, тур үйгө кирип чайыңарды ичкиле, керээли кечке кир жууп жаным тынбайт, булар заматта кирдетип жетип келет! - деп аларды алдына салып алып кирди.

o Ойноп эле жатабыз го, балдар деле ойноп жүрүшөт го?

o Ойнобой омурткаң сынган шүмшүктөр десе, колу-бутуңарды жууп анан киргиле, карачы кебетеңерди!

o Эмне болду? - Ботобек чыга калды.

o Карачы булардын кебетесин, күндө жууп тазаласаң да заматта кирдешет, - Азимбү балдарды жаңсай көрсөтүп актана сүйлөдү, - көп сүйлөсөң өгөй ушу да дешет го, сүйлөбөсөң да балээ.. .

o Кой балдарым, апаңарды кыйнабай жуунуп үйгө киргиле, Мактым кайда?

o Аны жана таенем келип алып кетти, эки-үч күн жүрүп келсин дегенинен унчуккан жокмун, эмне демек элем?

o Тим кой жүрсө жүрө берсин, - деп койду Ботобек, - Кызым кир жууганга жарап калган тура, - деп койуп кайра үйгө кирип кетти. Артынан ээрдин түйрүп койуп Азимбү кирди. Балдарын кагып силккенин көңүлүнө албады, бейбаш немелерге тарбия берсин дегендей унчукпады. Азимбү анын унчукпаганынан пайдаланып өзү билгендей уруп согуп аларга заарын чачып турчу болду. Жаркын апасынын үнүн укса жүрөгү болк этип заарканып турат. Атасы келээрде таза кийимин кийгизип жолдо ойногон кыздарга жиберип койот. Ботобектин көөнү ток, иштеп жүргөн акысын коротпой алып келип колуна берет. Ошентип жашоо өтө берди. Жаркын өгөйдүн каарын көрүп жүрүп он бешке чыгып калды. Эми ого бетер кылт эткен жумушту жасап түнкүсүн гана бир аз уктап эс алат. Таң эрте ойготуп уй айдатат, Ботобектен айбыгып гана өзү уй саайт, ал жумушка кеткенден кийин каргап-шилеп жатып калат. Жаркын уйларга кошуп уй айдап кетип, кайра келип сүт бышырат, камыр жууруйт, үй жыйнайт.

Ошол күнү дагы сүт бышырып жаткан, капысынан казандагы сүттү көңтөрүп алды, бутуна жаба төгүлгөндө чаңырып отура калды эле үйдөн чыга калган Азимбү аны жерде турган отундан ала койуп бир чапты:

- Өлүп эле калбадың го, колуңдан эчтеке келбейт, өлүгүңдү көрөйүн шүмшүк десе!

- Апа-а, бутум күйүп калды-ы! - Жаркын ого бетер чаңырып ийгенде:

- Өлүп калсаң гана! - деп кулак түпкө муштуму менен бир койгондо кыз жыгылып түштү, - Балакет ичкен шүмшүктөр, ичсе жалаңкычтай ичет! - Булкунуп казанды өйдө кылып койду да, Жаркынды сүйрөп кирип бутунун барсанактап турганына карабай тепкилеп уруп койду. Жаны кейип буркураган кыз ыйлап жатты, аны карап да койбой отуруп алды. Кечке маал Ботобек келээрде анын бутуна уйдун богун жаап жаткырып койду. Башы зыңгырап ооруп, күйгөн жери бир жактан ачышып, кулагынан кан куйулуп калыптыр. Өзү чоочуп кетти. Жумуштан келген күйөөсүн көрүп эле:

- Жаркынды этиет кыл десем болбой казандагы сүттү байкабай төгүп бутун күйгүзүп алды, катуу жыгылыптыр кулагы эмнеге тийгенин билбейм, ооруп атат, - деп алдын ала бежиреп жатты.

- Эми эмне кылабыз, өзүң эле кылбайт белең, ал азыр жаш да, чоң казандагы сүттү төгүп алса, - деп Ботобек кызы жаткан жерге барып отура калып төшөктү ачып караса эти от менен жалын болуп күйүп аткан экен, коркуп кетти, "кулагым" деп чаңырып ийди. Шашылып доктур жок, анда айыл бойунча бир эле фельдшер бар эле ошону чакырып келе калды. Күйүктүн даарысын берип, укол сайып тынчтандырды. Кулагын көрүп башын чайкады:

- Кулактын ичиндеги тамыры жарылып кеткендей, кызыңар жыгылганда катуу тийген окшойт, укпай калышы мүмкүн, - деди.

- Даарылаганга болбойбу? - Ботобек үмүттөнө карады.

- Даарылайбыз дечи, бирок баары бир болбойт, тарсылдагы жарылып кеткен окшойт, апарат жок азыр.

- Эми эмне болот?

- Борборго алып баргыла, болбосо биерден айла жок.

- Фрунзеге жазып бер, алып барайын, - Ботобек айласы куруй аны карады.

- Болуптур, алпарсаңар алпаргыла, - деп фельдшер Кудайназар кагаз жазып берди. Ал кеткенден кийин Азимбү күйөөсүн карап:

- Сен Фрунзеге барганда кайсы акчаң менен даарылатасың, өзүң ойлосоң боло, биякта төрт балаң турат, аларды бакканга дагы бирдеке керек, Жаркынды эптеп биерден эле көрсөтүп турганың оң, - деди.

- Укпай калсачы анан?

- Угат, ал ичиндегини кайдан биле коймок эле, жөн эле айтып койду да? - шыпылдап Жаркындын төшөгүн кымтылап жатып ушинтти.

- Мейли анда жакшы болуп калаар, даарысын берип, укол алдыралы, - Ботобек анын акылын угуп үйдөн эле карамак болушту. Түнү менен алдастап жатып таңга маал уйкуга баш койду Жаркын. Эртеси Ботобек жумушка кеткенде өзү туруп эки уйун саап, кайра бадага кошуп келип, сүт бышырып, айран уйутту. Бекчорону эки иниси үчөөнү торпоктун артынан койду.

- Эгер торпоктор ээмп койсо үчөөңдү тең өлтүрөм, - деди да кайра, - Бекчоро сен мага жардам бер, экөө эле жетишет, - деди да экөөнү торпок кайтарганга жөнөттү. Энесинин түрүнөн корккон балдар аткарбаска аргасы жок эле. Кечке бозала чаң болуп Бекчоро эшик шыпырып, короодогу уйдун богун дубалга чаптап, от жагып берип жаны тынган жок, бар аз отура калды эле:

- Кырылган өлүгүңдү көрөйүн арамзаадалар, ниети бузук шүмшүктөр, өмүр жашымдын баарын силерге коротуп табарым кайсы, тур тетиги көңдү оодарып кой, кургап калсын, - деп кыйкырды. Үйгө кирип Жаркынды караса оозу кыйшайып, шилекейи куйулуп, көзү аңтарылып калган экен, чоочуп кетип чекесине колун койсо күйүп жатыптыр, - Коку-уй, оо-ой Бекчоро, Бекчоро дейм!

- Апа эмне болду? - Бекчоро жүгүрүп кирип карап калганда ага наалып каргап кирди.

- Өлбөдүңөр го деги, тирүүлөй азап болдуңар, бар тиги Кудайназарды чакырып кел!

- Макул апа, - Бекчоро жүгүрүп чыгып бар аздан кийин доктурду ээрчитип келип калды.

- Келиңиз аке, кызымдын түрү мынча эмне жаман болуп атат, жакшылап көрүңүзчү, - Азимбү корккондой ички үйгө ээрчитип кирди. Жаркынды көргөн Кудайназар чоочуп алды: "этинин ысыганына чыдабай жаткан экен, кой бир-эки күн өзүм жанында туруп карабасам болбойт" деп ойлоп шымалана колун жууп келип, шприцтерин отко койуп, кайнаганча даары берип, температурасын текшерип көрсө 400 градус экен. Шашып шприцтери кайнагандан кийин укол салып жатканда Болотбек келип калды.

- Кел, - деп койду ал кайдыгер гана, - Кызды көргөнү келдиңби?

- Ой деги кызыксың го, кызыңдын кебетесин бир көрсөңүз боло, эмнеге Фрунзеге алып барбадыңыз? - Кудайназар ага ачуусу келе карады, - Балдарга мындай мамиле кылбагыла да, карачы абдан оор, мен алым жеткенинче жасап жатам.

- Эмне болуп кетти, көрүп эле атам го? - Ботобек үрпөйүп кызынын жанына отуруп карап калды, укол алганга денесинин ысыгы кайтып, оозу мурду ордуна келип, көшүй уктап калган, чекесин басып көрдү, нымшый түшүптүр, - Жаркын, ээ Жаркын, көзүңдү аччы кызым, - деп эки бетинен өөп анан кайра турду, - Фрунзеге барганга даходум жок болуп атпайбы каран калгыр.. .

- Күчтүү дары-дармек менде жок, жок дегенде районго барып дары, укол жазып берейин алып келесизби? - деди Кудайназар ага карап.

- Мейли, эртең барып алып келейин, жазып бер.

- Тездетиңиз, кыздын абалы өтө оор, кулагы укпаса да сакайып кеткени дурус го?

- Анан эмне.. . - Ботобек нымтырай аялына карады, - Азимбү Кудайназарга чай-пай бердиңби?

- Даяр эле, колу бошосун деп күтүп атам, кызымдын ал-абалын көрүп менин деле эсим эки болуп калды, - Азимбү жойпулана дасторкон жайып жаңы жасаган тамагын алып келди, - Балакет бир заматта эмне болуп кеткенин да билбей калдым, бутуна сүт төгүлгөндө бала неме чоочуп кетип коркконунан катуу жыгылган тура, эми жакшы болуп кетсе экен.. .

- Жакшы болуп кетет, күйгөн жери эчтеке эмес, бул кулагынан катуу жаракат алган, катуу бирдеме тийгенде тарсылдак жарылып кеткен.

- Кудая тобо-о күч келгендей эмнеге тийди экен ыя? - Болотбек Азимбүнү карады.

- Кайдан билем, жанында темир-тезек жок эле, отун бар болчу, отун тийсе жарылып чийип кетмек, ичине кайдан күч келсин?

- Бул жыгылганда тийген эмес, бирөө катуу күч менен чапкан! - Кудайназар күмөн санап турган ойун, билгенин айтты, - Жумшак нерсе катуу тийгенде ички органдарга күч келип жарылып кеткен, - дегенде Азимбүнүн коркконунан көзү алая түштү:

- Кантип, ким урмак эле аке, кызык сүйлөйсүз да, бул жөн эле ооруганы жүргөн кулак болсо керек, кулак ооругандарды көп көргөмүн, ириң, кан агып жүргөн.. . - деп актангандай экөөнү караганда Ботобек камырабай:

- Кандай болсо да кудай дейли байбиче, андан башка айла жок, мен таң эрте районго жөнөйүн.

- Ооба эртерээк алып келбесең болбойт, ырбап кетпесин, - Азимбү өзүнчө эле шашып калды, анын бул түрүн көргөн Кудайназар шекип калды: "мында бир сыр бар, кызга өч окшойт" деп ойлонуп тим болду. Бир кезде Жаркын кыңылдап: "суу, суу, суу" деп үнүн пас чыгарып кайра, кайра айтып жатты.

- Суу бербеңиз кайнаган чайды өтө муздатпай жуткуруп туруңуз.

- Ийи мейли, - Азимбү идишке чай муздатып анан ага алып барды, - Жаркын, мына чай иче гой. Ал көзүн ачалбай оозун ачканда кашык менен куйуп анан жүзүнө үңүлдү, кыздын өңү кер-сары тартып абдан купкуу болуп турган: "ай куураган жаным, күйүп калгандан кийин эмнеге урдум, сүт төгүлсө эмне болот эле, кокус өлүп калса эмне кылам ыя?" деп ойлоп күйгөн бутуна дары сыйпалып ачык турганынан улам эти дүрт этип алды, анткени өтө жаман күйгөн эле.

Акырындап Жаркындын денсоолугу жакшырып баратты, бирок доктур айткандай эле кулагы укпай калды. Азимбү өзүн күнөөлүү сезип калбай кайра аны "керең, дүлөй" деп басмырлачу болду. Бекчоро менен Күлчоро, Калчоролор биринин артынан бири чоңойуп баратты. Жаркын атасына ыйлап отуруп баарын айтып койду эле ал Азимбүнү урбай эле акырын:

- Кой Азимбү, ушундайда ажырашалы, кызымды дүлөй кылганың жетишет, мен сенден муну күткөн жок элем, - деди жер карап.

- Мен дүлөй кылган эткен жокмун, бирдемени айтса ошого ишенесиңби, мейли кетсе кете берем.

- Бар, бара бер, балдарымды өзүм эле багам, катындын кылганы ушул болсо өмүр бойу жалгыз өтөм, мага балдарым эптеп чоңойсо болду, - Каңырыгы түтөп отуруп калды, - Сен жакшы эле аялсың, дагы бирөөгө жолугасың.. .

- Ушунча жыл кызмат кылып, балдарыңды бок-сийдиктен арылтып койуп анан жөн эле кете берет бекемин, керең кызыңдын айтканына ишенип мени кубалагандай мен сага ит эмесмин, өлсөм өлүгүм чыгат, тирүү чыкпайм биерден, төркүнүмдү чакыртам! - деди Азимбү.

- Эмне кереги бар, андан көрө тынч эле ажырашып алалы, - деп үңкүйгөнүнөн жазбаган Ботобекти ичинен: "аңкоо келесоо десе, жалгыз мурдуңдун богу чубалсын" деп ойлоду да кийимин чогултуп Бектолоттун эки эчки, эки койун, бир торпогун алып өчөшүп кетип калды. Ал төркүнүнө барбай эле Үмөтбектин ээн калган үйүнө барып эки жагын тазалап кирип алды. Анын үйүндө дүнүйөлөрү ошол бойдон чиригени чирип, эскирип турган бойдон тууган уругу болбогон соң эч ким тийген эмес. Ал ушул ирээт үй ичин чыгарып тазалап жатып алгачкы Үмөтбекке келген кезин эстеп алды. Бул элүү бешинчи жылдар эле. Жалгыз отуруп ыйлап алды: "Жок дегенде бир бала төрөп алсам бул үйдөн кетмек эмесмин, кудайым мага бала бербеди арман, төрөбөй жападан жалгыз жашап өтө турган болдум" деп жүрөгү сыздап алды, канткен менен тиричилик деген токтоп турбасы белгилүү эмеспи. Азимбү өз күнүн ошол жаш келин кези өткөн үйдө күн өткөрө баштады, муну угуп агасы жеңесин жөнөтүптүр:

- Кызыке, Болоткан сенден кабатыр болуп атат, үйгө келбей биякка эмнеге келдиң, үйгө барбайт белең? - Үргүл аны аяп ушинтти.

- Жеңе, үйгө барганда эмне, төрөбөгөнүмдөн ушинтип отурам, бирөөнүн баласы бала болбойт экен, - деп ыйлап отуруп барбай койду. Ал кайра аргасыз өзү кетти, аны уккан Болоткан буудай ун, дагы бир топ тамак-аш менен атка жүктөтүп ортончу баласы Алымбекти жөнөттү.

- Бар, мындан ары эжең менен бол, аны жалгыз койуп койгонубуз болбойт, бир тууганым жалгыз тамда калса элге кеп болобуз, - деп баласын жөнөттү. Анын төрөбөй калганына кейиди. Өзү башкарма болуп иштеп жүрүп акыры директор болду. Элди жакшы карап, жогуна жардам берип турат. Абдан жакшы адам, согушту көрүп, кан кечип кыйынчылыкты тарткангабы же жаралгандан ошондойбу, айтоор элге карамдуу.

Азимбү жалгыз Алымбекти караан кылып өз тиричилигин өткөрүп жатканда ага дагы күйөө чыгып калды. Бул кезде ал отуз бешке жаңы чыккан келин. Агасынын арты менен тың жашап, кийбегенди кийип, ичпегенди ичип ал тургай пионер вожатый болуп сегиз жылдык мектепке иштеп жүргөн. "Ата баркы менен кыз өтөт, соодагер даңкы менен бөз өтөт" дегендей аялы өлгөн Шабдан Болотканга барып Азимбүнүн колун сурады. Болоткан карындашына Үргүлдү жиберди.

- Кызыке, Шабдан деген экинчи бөлүмдүн башкармасы, аялы өлүп үч баласы менен калыптыр, кеч балалуу болгон экен, акеңе өзү келиптир, - дегенде Азимбү чалкасынан кетти:

- Жок жеңе, күйөөгө тийип санын көбөйтпөй эле койойун, убара болбосун!

- Кой андай дебе, жаш туруп жалгыз жашагының болбойт, сенден карыган кемпир ылайыгы келсе чыгып алат, а сен азыр жапжашсың, балдары чоңойуп калыптыр, кыйналбайсың деле, башкарманын аялы болуп гана отуруп каласың.

- Болбойт, балдары мени өз энесиндей көрбөйт деле жеңе, аларга эми көнүшкөнчө качан? - Азимбү өз тагдырына кейий сүйлөдү, - Бир перзенттин айынан минтип кайра-кайра күйөөгө тийип көңүлүм калды, андан көрө Алымбегим экөөбүз жашай берели, бала силердики мага карааны гана.. .

- Койсоңчу кызыке, Алымбекти сенден талашмак белек, ал өзүңдүн бир тууганың, болгону акең сени өзүнчө чүнчүбөй жакшы адамга баш байлап жашап кетсе жакшы болот эле деп көңүлү тынбай жатпайбы? - Үргүл аны ары айтып, бери айтып эптеп көндүргөндөй болду, аргасы кеткенде:

- Өзүм көрөйүн, - деди ойлуу. Көрсө ошондо жаштыгы эми гана табына келип, жан дүйнөсү тыбырчылап тирүүлүктүн бир өзүнө энчилеген жакшы нерсесин эңсегендей жашоодон өзгөчөлүктү күтүп, жаш денеси бир ырахаттуу сүйүү күтүп эргип турган убагы экен. Аны да өзү сезбеген. Жараткандын өзүнө бир ыңаалаган наристесин аяп койгонуна нааразы болуп бирде ыйлап, бирде жашоонун агымы менен агып тиричиликке аралашып өмүрүнүн кандай өтүп жатканын билбей да бараткан эле. Ошондон көп өтпөй эле Шабдан ат бастырып Азимбүнүн үйүнө келди. Экөө бир аз сүйлөшүштү, өзүнөн он жаштай улуу бул адам ага жагып калды, акыры ага турмушка чыгууга макул болду. Болоткан аны жакшы сыйлап узатып койуп, артынан эки эжеси менен эки жеңеси барып сый көрүп келишти. Ошол кездеги директор менен башкармалардын жашоосу азыркыдай эле башкалардан бир топ айырмасы бар эле. Улуусу он бешке келип калган уул бала экен. Ал атасынын аял алганына нааразы болгондой дулдуйуп эч үндөбөйт да сүйлөшпөйт дагы, ортончусу Гүлсана ондо, эң кичүүсү уул окуй элек, өтө тентек экен. Шабдан балдарын кечигип көргөнгө аябай жакшы көрөт. Азимбүнү келген күнү эле балдарына тааныштырды.

- Уулум, - деди, - Албертти карады, - Мына бул апаңар болот, мындан ары ушунун тилин алып, айтканын аткарасыңар, сен чоңойдуң уулум, апаңды капа кылба, - деди, - А силер кызым, апаңарды уккула мейлиби? - деп кенжеси Адилетти алдына алып отуруп айтып отурду. Гүлсана менен Адилет башын ийкей бейкапар гана:

- Ооба, - дешти жарыша, Алберти унчуккан жок. Азимбү дагы өз турмушунан сабак алып калганга өз балдарындай боло албаса да өзүн көндүрмөк болду, төрөбөсө дагы ушул балдарга мээримин төгүп карагысы келди. Айрыкча Гүлсана көздөрү карагаттай болуп татынакай кыз, аны ичи элжирей карап жакшы көрүп турду: "тагдырым жазганды көрбөскө чарам барбы, туубасам да тутунган балдарыма мээрим төгүп ушулардан кетпей турган болойун, кайра-кайра күйөөгө тийе бергенден да тажадым" деп жаңы башталган жашоосунун кадамын жакшы ой менен баштады. Алберттин мүнөзү өтө оор болуп туруп алды. Азимбүнүн айтканын укмак тургай тескери басып кетет. Бир күнү Адилет менен Гүлсананы жанына алып:

- Ал биздин апабыз эмес, тилин албагыла, апам өлүп калгандан кийин атам алып келип албадыбы, - деп жатканын тыңшап туруп калды.

- Анда биз кимди апа дейбиз? - Адилет агасына делдейе карады.

- Мен апамды сагынып калгамын да, анан Азимбү апам мени жакшы көрөт, аке биз апа дей берели? - деди Гүлсана дагы агасына жалдырайт, - Өлгөн киши келбейт дебедиби!

- Мейли өзүңөр билгиле, кыскасы мен апа дебейм! - Алберт ордунан туруп, - Силер баары бир үйдө каласыңар да, - деди да эшикти карай басканда Азимбү эч нерсе билмексен болуп кирип келаткандай түр көрсөттү, босогодон беттеше түшкөн Алберт аны бир карап алып чыгып кетти: "Бөрү баласы ит болбойт деген ушу да, жарыбаган шүмшүк" деп алды ичинен Азимбү. Ал турмушуна ыраазы эле, эл үстүндө иштеген Шабданды сыйлап камкор аял, мээрман эне болууга тырышып атты. Бир күнү эртең менен эрте Шабдандын баласын тилдеп жатканын угуп калды.

- Алберт, бу сен качанкыга Азимбүнү апа дебей жүрө бересиң ыя, уят эмеспи, быйыл сени техникумга окууга жөнөтөмүн, окуп адам болушуң керек макулбу?

- Ооба, - Күңк эте жооп кылды Алберт.

- Сен эсиңе кирип калдың уулум, апаңар өлбөсө мен башка аял алмак белем, сен түшүнө турган болуп калбадыңбы, - Шабдан уулуна жумшара сүйлөдү, - Сен үйлөнөсүң, өзүңчө үй-жай күтөсүң, ошондо да баарына ушул Азимбү өз энеңдей карайт.

- Баары бир ал өз энебиздей болмок беле, эмнеге мени кыйнап жатасыз, тезирээк окууга жөнөтүңүзчү деги, мен аныңызды көргүм келбейт! - деп Алберт басып кетти.

- Ата-аңдын оозун урайын десе, өз билгенин койо бербеген акмак! - Шабдан эмне кылаарын билбей туруп бурула бергенде Азимбү чыгып келаткан эле, - Быйыл сегизинчи класстын күбөлүгү менен техникумга киргизип койойун деп жатам, - деп жылмая карады.

Туура кыласың, окуп алганы жакшы эмеспи, - Азимбү аны коштоп койду. Эч нерсе билбегендей болуп өз ишине киришти. Гүлсана абдан зирек, Азимбүнүн айтканын илгертпей аткарат, Адилет дагы апалап жанынан чыкпайт. Негедир жүрөгү аларга анча берилбей өзүн өзү алардан алыс кармаган менен турмуш шарты аны аларга өгөйлүк кылуусуна жол бербеди, өзү дагы өкүнүп калат: "Жаркынды анчалык кыйнабаганымда бир жерде болот элем, үч күйөөгө тийдим, эми ушуну менен өмүрүм өткөнчө жашайын, бир туугандын алдында кеп сөзгө калбайын" деп ойлонуп жаны жай ала түштү. Бул жагдай анын жашоодогу эң бир урунттуу, өмүрүндөгү унутулгус жылдары болуп калаарын сезди, анткени бул жашоого аргасыз көнүп, төрөбөдүм деген арманын тымызын ичке катып, жакшы адамдын жакшы мамилеси аны жоошутуп койгон болчу. Башкарманын, болгондо да эл үстүндө иштеген адамдын аялы болуш үчүн акылдуу дагы, баарын текши караган терең, керек жерде өзгөчө мээрмандык зарыл эле. Эл ичинде сый урматка татып, төркүнү дагы аны ар убак акыл кошуп чакырып турушат. Болоткан өтө сүрдүү, бир сүйлөгөн, адамгерчиликтүү жигит. Карындашына карап Шабданды сыйлап, керек жерде кеңешип экөө көп маселелерди чечишип, жолугушканда жумуш бойунча пикир алмашып калат.

Албертти окууга жөнөтүп эки бала менен калды, Шабдан көпчүлүгү үйдө болбойт, божурашып уул-кызын эрмек кылып көңүлү көтөрүлүп алардын сүйлөгөнүнө кубанып отура берет.

- Апа, сиз мени жакшы көрөсүз ээ? - Адилет мойнунан кучактап алып эркелей кетти.

- Ийи уулум, жакшы көрбөй анан, - Азимбү аны мойнунан жыттап койду.

- Апамды кыйнап минип албасаң, - Гүлсана аны тыйып, - Апам кечке бизге тамак жасап, кир жууп ансыз деле чарчап калат.

- Садагаларым десе, силер мага жардам берип атпайсыңарбы, мен чарчабайм деле, - деп Гүлсананы өөп койду, - Кызым эстүү кызсың ээ?

- Апа менчи, менин дагы эсим бар ээ? - Адилет ага атаандаша кетет.

- Ой сен Гүлсанадан да акылдуусуң балам, сен эркексиң да?

- Ана көрдүңбү, мен эркекмин, кийин чоңойгондо сен күйөөгө чыгып кетесиң, а мен атам менен апамды багам да.

- Ооба, күйөөгө тийбейм! - Гүлсана чычалап аны урмак болгондо ал качып жөнөдү, - Айлө-өк, айлө-өк сен күйөөгө тийесиң!

- Апа, кой деп койчу, мен күйөөгө тийбейм, экинчи антип айтпасын! - Гүлсана таарынып отуруп алды, Азимбү туруп барып тургузуп:

- Ал азыр кичикей да, сен чоңсуң, таарынба кызым.. . - деп үйгө алып кирди, - Сен эрктүү, көтөрүмдүү кыз болушуң керек, мен сага илгерки бир акылдуу кыз жөнүндө жомок айтып берем.

- Чын элеби, айтып берсеңиз, - Гүлсана эмелеги инисине болгон таарынычын унута Азимбүнүн тизесине жөлөнө отуруп алып кулак төшөп калды. Адилет ошол бойдон балдар менен ойноп кеткен.

- Илгери үч айрылыштан бирдей жасалгалуу ат минген, бири биринен ашып түшпөгөн үч келин кошулуп калды. Узун жолдо таанышып, жорголорун салыштырып болбогон бул келиндердин сын-сыпаты да бирдей, менменсинген келиндер, сулуу да, шайыр дагы келиндер экен. Үчөөнүн толумдуусу, болумдуусу Кашымкан кашын серпе, аппак тиштерин кашкайта күлө карап берки экөөнө кайрылды:

- Курбулар, кудай минтип бизди үч кошкон жерден жолуктуруп отурат, узун жолду кыскартып, баштан өткөн кептен сүйлөшөлү, - деди. Анда берки экөө бир бирине карап шыңк эте жылаажындай үндөрүн шаңшыта Кашымканды карап:

- Улуураагыбыз да, сулуураагыбыз да сиз экенсиз, өзүңүздөн келсин сөз, - деди Даткайым.

- Туура, сиз эле баштаңыз, жол узак эмеспи, биз дагы жетишебиз, - деди Мырзагүл.

- Мен анда он төрт, он бештердеги кезим, - деп баштады анда Кашымкан, - Менин атам бир айылдын малдуусу да, алдуусу да, кажырманы да эле, - деп каштарын серпе шыңк этип күлүп алды, - Башымдан өткөндү силерге айтып берейин.. . Бир күнү биздин үйгө алыстан келаткан жаш жигит конок болуп калды. Андайда атам конокко бодо сойуп коноктоп, эл айтып жүрсүн дегендей меймандачу. Конок каадасы кылып, эт бышып, колго суу куйулганда жигиттин колундагы шакек бир башкача жарк, журк этип адамдын көңүлүн өзүнө буруп, бүлбүлдөгөн чырактын жарыгына чагылышып жатты. Эт келип устукандар бөлүнгөндөн кийин жигит макисин жанынан алып шыпылдата эт туурай баштады. Баягы маки шакектен өтүп жаркылдап көз жоосун алат, негедир аябай кызыгып карап туруп атама көз жиберсем, ал дагы ошол маки менен шакекти карап отурган экен. Дасторконго бата кылып меймандар сыртка чыгып орун салынгандан кийин мен жигиттин жаткан өргөөсүнө кирип бардым. Бизде өзгөчө конок үчүн тигилген үй болоор эле. Мени көргөн жигит шашып калды.

- Кел, кел чоң кыз, эмне жумуш, сөзүң барбы?

- Аба, мен сизге жөн эле келген жокмун, адатта эркек киши жаткан үйгө кыз баланын кириши уят болсо, кирип келгеним үчүн кечирим сурайм, - дедим, - Сиздин шакек менен макиңиз жагып калды, ушунчалык өзүнө тартып ала турган сыры барбы? - дедим.

- Жок, эч кандай сыры жок.

- Мен ошол буйумдарыңыз үчүн атамдын байлыгынын жарымын берсем берээр белеңиз?

- Жок, байлыгыңыздын бүтүн берсеңиз да арзыбайт!

- Жок дебеңиз аба, сураганыңыздын баарын берейин, мага бериңиз, - Мен шашып калдым.

- Куну жок буйум, бере албайм, - деп күлүмсүрөй карап.

- Куну жок нерсе болобу, алтын баштуу адамды деле сатып алып жатпайбы, бу буйум үчүн канча байлык сурайсыз? - дедим мизирээ, - Атамдын бүтүн байлыгын берейин.. .

- Жок, арзыбайт!

- Бир буйумуңуз ушунчалык кымбатпы, берейин деген байлыкка бүтүндөй бир шаарды сатып алса болот го? - деп мен да көгөрүп туруп алдым.

- Бир шартым бар, эгер макул болсоң буйум сеники, - деп жылмайганда бир аз текебер, эркерээк жаным жинимдин келгенин билгизбей:

- Кандай шарт болсо да макулмун! - дедим эле ал каткырып жиберди:

- Ха-ха-ха, чын эле макулсузбу?

- Ооба!

- Анда, сен бүгүн менин койнумда жатып бойумду балкытып, көңүлүмдү чалкытып, балалыгыңды арнасаң сеники! - деди сынай.

- Эмне-е?! - Мен аны ызалуу карап алдым да жүгүрүп чыгып кеттим: "ушунча байлыкты сунуштасам болбой, ийненин көзүндөй нерсеге берээрин кара" деп жиним келип андан баш тартмак болгонум менен жан дүйнөм тынч алалбай көз алдымда ошол жылт-жулт эткен шакек менен маки туруп алды. Тобокел дедим да жеңеме айтсам:

- Коку-уй, эркелигиң бар эсиң, эбиң, акылың такыр жок кызыке, келээрки жылы тойуңдун түшөөрүн билесиң, мени агаң өлтүрбөйбү билсе, - деп тызылдаганына болбодум.

- Анда да бир эби табылаар жеңе! - дедим да жигит жаткан өргөөгө көзгө чалынбай кирип бардым.

- Мен макулмун!

- Мен дагы айтканымды аткарам! - Ошентип ардактап баккан атамдын төрүндөгү чоочун сыйлуу коногунун койнуна түн катып кирип, өз эрким менен балалыгымды арнап койдум. Ал түнү бойу мен даамын татып көрө элек ырахатты тартуулап махабаттын туу чокусуна бир чыгарып, бир түшүрүп, жаш баладай алдына алып отуруп, кумары канбай, жылдыз тарап таң сүрүп келатканда өз өргөөмө кайттым, көргөн билгенин эч кимге айтпаганга ант берип коштоштук. Эртеси атам аны узатып жатып:

- Уулум, мен сенден бир нерсе сурамак элем, эгер макул десең байлыгымдын жарымын, алтын-күмүш берейин, шакегиң менен макиңди ташта, - деди эле ал атама сырдуу жылмайып аста гана:

- Ата, кечигип калдыңыз, шакек менен маки ээсин тапты! - деп шар аттанып кете берди.

- Ата-аа, аны ким алдап ала койду, кимиси сатып алды, шылуундар озунган экен.. . - деп бери карай басканда үйдүн керегесинен шыкаалап жаткан жаным уятымдан башым айланып жыгылып кала жаздап, ашканага кире качтым. Атам баарын билип койгондой көпкө чейин көрүнбөй жүрдүм. Жыл өтүп кудалап койгон күйөөм күйөөлөп келип калды. Ойноп күлүп, ойун-зоок менен үч күн өттү, кыздын күйөөсү өз өргөөлөрүнө жатканда койнуна жеңеси киргизип берет. Алардын айылы биздин айылдан бир күнчөлүк алыс болчу. Менин кыз эмес экенимди билип түндөп жигиттери менен жөнөп калды. Мен шашылыш жеңеме бардым да агамдын кийимин кийип, башыма калпакты баса кийип туруп, атымды минип артынан түштүм. Алар айылдын четине чыгышып кайнатасына нааразы экенин билдирип короодон бир койду ала кетишип атайын сойуп алып ичип-жеп анан кетмек болуп түшүп калышты. Мен аларды кууп жетип жанынан өтө бергенде бирөө:

- Оой жигит токто, кааласаң биз менен көңүл ачып кет! - деп калды. Мага ошол гана керек болчу. Алар менен отуруп эт бышып калган экен, кыя кесип эттен жеп жатканымда күйөөмдүн көзү менин колумдагы шакек менен макиде болуп жатканын байкадым. Анан таң сүрө баарыбыз турдук да мен өз жолум менен кетмек болдум. Ошондо күйөөм мени менен кошо бастырып:

- Жигит, түрүңө караганда жаш эле көрүнөсүң, эгер бир нерсе сурасам макулбу? - деди.

- Сурай бериңиз, эгер колдон келчү иш болсо.. .

- Оор болбосо шакегиң менен макиңди сат, каалаганыңча байлык берейин, - деди.

- Жо-ок, бул буйумдардын баасы жок эч нерсеге алмашпайм!

- Каалаганыңды сура, бүт байлыгымды берем!

- Жок болбойт!

- Ойлонуп көр, айтканыңды берем.

- Болбойт дедим болбойт, баасы жок буйум.

- Дагы кошом, баардык байлыгыма кошуп алтын, күмүш, шер берем, - жалдырап ийди. Мен ага жылмайып карап:

- Эгерде бир шартыма көнсөң ал буйум сеники, - дедим эле ал шашыла.

- Баарына даярмын! - деди.

- Жүрү, тиги калың буудайдын арасына баралы, анан айтам, - деп атты калың өскөн эгиндин арасына бастырдым, ал мени менен жанаша бастырып келип мен токтоп аттан түштүм эле ал да түштү, - Айтканыма көнөсүңбү?

- Эгер шакек менен макиңди берсең баарына макулмун!

- Анда шымыңды шыпырып, ары карап туруп тоңкой!

- Кантип? - ал мени таңгала карады.

- Көп сөздү кой, макулсуңбу же?!

- Болуптур, эркекче эч кимге айтпайм деп сөз бер!

- Сөз берем, эч ким билбейт, - Колумдагы камчыны өйдө көтөрүп сабынан сөөмчө ченеп көрсөттүм, - Эгер ушуга чейин көчүгүңө киргизип алганга макул болсоң шакек менен макини берем! - дедим эле, ал бир аз ойлонуп туруп ары карап шымын шыпырып тоңкойгондо камчынын сабын сөөмчө батырып кайра сууруп алганымда ал "ики-ий" деп ийди. Ал шымынын бүчүгүн оңдонүп жатканда ары карап туруп башымдагы калпакты алып койдум эле узун чачым жайылып кетти. Өзүн ирээтке келтирип бери караган күйөөм делдейип оозун ача:

- Сен.. . - деп туруп калды.

- Ооба мен, бул шакек менен маки үчүн кыз мен эмес эркек сен дагы баарына даяр болдуң, демек түшүндүң, башка сөзүм жок! - дедим да чачымды кайра түйүп калпакты баса кийип жерге жарык жайыла электе жетип келсем жеңем уйкусу келбей эшикте алаңдап жол карап турган экен.

- Кайда жүрөсүң, деги мени өлтүрө турган болдуң, - деп ыйлап шашыла өргөөгө киргизди.

- Баары жайында жеңе, намысы болсо келип калат, - деп оозумду жыйгыча жоро жолдоштору менен аттан түшүп калышты, мен унчукпай жатып алдым. Ошентип болочок күйөөмдү жеңип жашап калгам, - деп жыргай күлүп калды.

- Ай-ий ай. . . .

- Тобоо.. . - экөө тең ооздорун ача сөз таппай туруп калды, бир убакта Даткайым:

- Кызык ай кыздар, дал менин тагдырыма окшош, бирок мен коркоктук кылып күйөөм албай кеткен.. . - деп качанкы башынан өткөндү эстей муңайып алды.

- Койчу ай, кантип ушундай болсун, силер көргөн шакек менен макини мен дагы алгамын! - деп Мырзагүл каткырып колундагы шакекти көрсөткөндө беркилер дагы колдорундагы шакектерин көрсөтүп аттарынын башын кармай токтоп калышты. Үчөөнүн тең окшош шакектери күнгө жалт-жулт этип чыгылышып турду.

- Тагдырдын тамашасын карасаң ай, үчөөбүздү бир жерден жолуктуруп койгон, макиси күйөөмдө! - Кашымкан шыңк этип койду.

- Мен дагы күйөөмө бергем.

- Мен деле.. . - Үчөө кайрадан ээн жерди жаңырта каткырып алышты, - Ошол шумпай кайда жүрөт болду экен, эгер бизге ушул азыр жолугуп калса эмне дейт элек ыя? - деп Мырзагүл шаңкылдады, ошону менен өткөнүн эсине салып эрмектешип үч келин жолун улашты. Бул бир кезде болуп өткөн окуя ушул кезге чейин үч келиндин жомогу болуп айтылып келет кызым.. .

- Ай-ий апа, сонун жомок экен, - Гүлсана ага эркелей күлө карады.

- Бул жомокту эмне үчүн айтып жатканымды билесиңби кызым? - Азимбү эңкейип өөп койду.

- Эмнеге айттыңыз?

- Сени ошол кыздардай акылдуу, эрктүү, көтөрүмдүү кыз болсун деп атпайымбы?

- Аа-а, - деп койду балалык ойунан чыга албай. Азимбү кечкиге тамагын асып койуп Шабданды күтүп отуруп Адилетти алып кирмек болду. Адилет балдар менен ойноп жүргөн экен чакырып, кыйкырып жатса дагы "азыр" деп койуп ойунга алаксып атып зорго келди.

- Ий-ий апа, сонун ойун болуп атса чакырасыз да, койо турбайт белең? - деп зорго кыйыктанып атып үйгө кирди.

- Уулум кеч кирбедиби, атаң азыр келет, анан ал келип балам кана десе жолду көрсөтөмбү, сен үйдө болсоң атаң сүйүнөт, уулум жакшы бала болгон турбайбы деп.

- Атам азыр эле келеби?

- Ий азыр келип калат, сен бети колуңду жууп, тамагыңды иче берсең келип калат.

- Ооба, жаман алдайсың да, кечээ келбей койбодубу?

- Жумушу көп да уулум, чоңдордун иши чачтан көп, - Азимбү ойлуу Адилетке колуна суу куйуп бермек болуп чөөгүндү колуна алып аны жуундурду да сүлгү берди. Ал ойноп, Гүлсана алаксып калганда тамагын карап кайра жолду карады. Шабдандын карааны көрүнбөдү, акырын тамагын алып кирип балдары менен ичип, аларды төшөк салып жаткырды. Өзү дагы төшөк салып жатып алды. Аңгыча аттын дүбүртү чыгып калды, эшикке чыкмак болуп атканда:

- Ээ Азимбү, Азимбү! - деген үн чыкты. Ал кызуусунда ушинтип калчу, соосунда өзү атын байлап эле кирип келет. Азимбү ага чыга калып аны колтуктай аттан түшүрүп анан үйгө алып кирди.

- Мынчалык ичпесең боло, неге ичип алдың? - Азимбү аны алып кирип ордуна алып барды да бутун чечип, костйум шымын чечип туруп жаткырмак болгондо:

- Азимбү, балдар кана? - деди.

- Азыр эле сени күтүп жатып уктап калышты.

- Кардын тойгуздуңбу?

- Кызык качантан бери минтип калгансың, баягыдай эле кардын тойгузуп жаткырдым, - Азимбү ойунда эч нерсе жок аны тынчтандыра айтканда ал:

- Эй сен менин кызымды Ботобектин кызындай кылып кордой албайсың! - дегенде Азимбүнүн жүрөгү зырп этип сайгылашып кетти: "кара оозуңа кан толгур, кимиси айта койду" деп телмире туруп калды эле, - Уктуңбу, Гүлсананы кордобогун Азимбү! - деп ошол бойдон унчукпай калганда:

- Бул эмне дегениң, Гүлсананы мен кордогонумду кайдан уктуң, же бирөө ушак кылдыбы? - деп шыбырай сүйлөдү, көзүнө жаш толо түшкөн эле, кантсе да өткөн окуянын минтип эл ичине тарап кетээрин билген эмес эле, - Мейли Шабдан, мага антип ишенбей турган болсоң жаман жакшы айтышпай эле кетейин.. .

- Азимбү, мен сени кетирейин дегеним жок, сактанып жатам, - деп кайра, - Катуу айтып койдум окшойт кечир, - деп колунан кармап өйдө болду, - Эл жаман ээ, ушакты учуртуп айта беришет, мен бүгүн уктум.. .

- Шабдан, мейли эл айта берсин, мен силер менен, балдарым менен ынтымактуу жашасам болду, - Азимбү ойлуу, - Бирдеме ичесиңби? - деди.

- Кардым ток, андан көрө уктайлы жат жаным, эс ал, - деди. Азимбү анын жанына жатып жарыкты өчүрдү.

Шабдандын тээ мурунтан эле ойношу бар эле, анын күйөөсү бар, ар качан кароолчулукка кеткенде алардын жолугушуп жүргөн үйүндө экөө ар дайым жолугушуп турат. Азимбүнү алгандан бери барбай калган. Ал барбай калса берип турчу соогаларынан куру калып балдары менен кыйналып калат. Жайна атына жараша жайнаган келин. Көптөн бери ашыгынын келбей калганына кабатыр болуп атайын жасана кийинип алып, атырдан себинип кабинетине келген.

- Саламатсызбы Шабдан аке? - Күлүмсүрөй баш ийкеп учурашып туруп калды эле аны көргөн Шабдан шашып калды:

- Кел Жайна кел, жакшы жүрөсүңбү?

- Жакшы элемин, болгону жүрөгүм ооруйт.. .

- Жүрөгүңүз элеби? - Шабдан көптөн бери көрбөй калган селкисинин буркураган атырынын жытынан башы айлана жанына жетти, - Жүрөктүн дарысы табылат, башка жериң оорубаса болду сулуум! - Кучактап баратып кайра эшикти бир карап сактанып өз ордуна барды.

- Сиз көрүнбөй кетип, кусадан жүрөгүм ооруп дартыма даба болчу сизди издеп келдим, такыр эле унутуп койдуңуз го? - Наздана карап алып эшикке жетти, каалганын илгичин кулпулап койду да, - Сизди көргөнүмдө жүрөгүм жарылып кетеби дедим эле, кудайга шүгүр, - ал Шабданга жетип мойнуна асылды, - Ырас эле кала берсем боктон сасык болот турбайынбы.. .

- Койсоңчу Жайна, эшикти ачып кой, кечинде жолугалы, азыр кишилер келмек, сени көрүп калса уят, - деп Шабдан ордунан туруп келинди кыса кучактап мойнунан, бетинен көпкө чейин өөп анан, - Кой мени азгырба, кечинде баягы жерден жолугабыз, кете бер! - Эшикти ачып, акырын дагы бир өөп койуп ордуна карап басып баратканда Жайна акырын:

- Сиз баргыча жүрөгүм жарылып кетпесин, тезирээк барсаңыз экен жа-аным! - деп чойулуп көзүн сүзө карап койуп чыгып кетти. Шабдан ойлуу отуруп калды: "Да-а, мен дагы сагындым, аял деген башка, ал эми ойношко көңүл ачып, жарпыңды жазуу үчүн барасың да" деп койду. Кечке жумуш менен алек болуп жүрүп анан кеч күүгүмдө көнгөн жерине жөнөдү, келсе алардын келээрин уккан Кадырбү тамагын жасап, дасторконун жасап, Жайна экөө күтүп отурган экен. Кадырбү бир топко барып калган жесир аял, Жайнанын арты менен кенен жашап калган эле, май, сүзмө, кымыз, эт анын үйүнө билинбей күн мурун келип калчу. Уну даяр, каптап буудай түшүрүп берет. Кыскасы ал экөөнү өзүнүн үйүнө ээн калтырып андайда башка жакка кетип кала турган. Шабдан сырттан кирээри менен эле Жайна мойнуна асыла кетти.

- Оо менин ардактуум, сагынып кеттим, ушунчалык да сагындырасыңбы, өлүп кала жаздадым, - жанталашып өпкүлөп киргенде Кадырбү чыгып кетти, - Жаным, өлүп баратам, күйөөмдүн ар бир кыймылы сеникине окшобой жаман болдум!

- Жаркыным десе, чын эле мени сагындыңбы?

- Эмне ишенбей атасыңбы? - Жайна таарына кетти.

- Жок, ишенем алтыным, ишенбей анан, - Экөө заматта бир бирин аймалап турган жерине эле жыгылышты, - Оо жаным, мынчалык керемет жандын керметин сезбей жанагы эриң эмне кылып жүрөт?

- Ой анын чочкодон айырмасы жок, өзүм деле аны такыр каалабайм, - Кылыктана күлүп калды, - Ал келгенде ооруп калам, таптакыр эчтекени каалабаганымды айтам, анан эмне дейт дебейсиңби? - Кыткылыктап ашыгынын төшүнөн аймалап, - Сен уйсуң, эчтеке менен ишиң жок бир айбансың дейт.

- Анан?

- Ал менин кимди каалап жатканымды, ал үчүн эч качан жибибесимди билбейт, көөдөнү сокур бир байкуш да.

- Торгойум менин, булбулум менин, аялдардын баары сендей болсо кандай жакшы, - Экөө ала салып кумардан чыгып жатышты. Көптө барып анан кучакташып жатып алып сүйлөшүп, өткөн кеткенден кеп кылууга өттү.

- Шабдан, аялың балдарыңа жакшы элеби?

- Кудайга шүгүр, өз энесиндей эле камкор, балдарды жакшы көрөт.

- Ошондой дечи: "калк каңырыш укпайт, укса калп болбойт" дечү эле? - Жайна Шабданды сынай карады.

- Бул сөзүң менен эмне демекчисиң?

- Деги да, угушумча-а аялың мурда өз айылындагы Ботобек деген беш балалуу кишиге тийген имиш.

- Тийсе тийгендир, эми ал менин аялым, - Шабдан сөз уккусу келбегендей өйдө болду, - Карын куркурай баштады, бирдеме барбы?

- Адегенде жуунуп алалы секет, анан баары табылат, - Жайна чыгып чөөгүнгө суу куйуп, экөө караңгы бөлмөгө чыгып жуунуп анан дасторконго отурушту, даяр тамакты көтөрүп келип куйуп отуруп экөө тамактанып бүткөндөн кийин жыйып койуп Жайна кайра келип анын ийнине жөлөнө отурду.

- Ошол Ботобектин чоңойгон кызын казандагы сүткө күйгүзүп, кулакка чаап койгон экен азыр кыз керең болуп калыптыр бечара.

- Аны кайдан уктуң? - Шабдан ага ишене бербей карап калды.

- Менин жеңемдин ата-энеси Ботобекке коңшу турушат, ошолор айтышыптыр.

- Ошол чын бекен?

- Мен көргөнүм жок уктум, кулак менен уксаң калп, көз көргөнгө жетеби дегендей сөз бекеринен чыкпаса керек? - Жайна ага кылыктанып койду, - Эркектер көбүнчө талаада болосуңар, балдарыңардын эмне болуп жатканын билбейсиңер дагы?

- Да-да-а, ырас айтасың, - Шабдан ойлонуп калды: "Ырас эле керээлден кечке жумуш менен үйгө жолобойм, кечинде уктап калышат, эртеси кайра эрте.. . " деп ойлогондо балдарын Азимбү уруп, сабап аткандай сезип кетти, - Жо-ок жок, мен ага жол бербейм! - деп ийип кайра унчукпай калды.

- Кой, көп ойлонбо, балким калптыр, ким билет, сендей кадырлуу адамдын аялы болуунун өзү бакыт го, эси болсо өзү түшүнүп балдарды кордобос, - Жайна ага жабышып көйнөгүнүн бүчүлүгүн чечип жылаңач денесинен чолоо жерин калтырбай өөп жатты, - Абдан сагындым, күнү-түнү, ар дайым жаныңда болсом дейм, аргам канча-а? - Улутунуп алып отурган жеринде кучактап алды, - Жан биргем го менин.

- Жайнаш, неге бүгүн ичкенге шарап алып келбедиң, бир аз ичет элек го?

- Керек болсо заматта табам!

- Алып келчи!

- Жакшы болот таксыр, - Жайна көздөрүн сүзө сырткы бөлмөгө чыгып койкойгон винону алып келди.

- Ошону бая эле алып келбейт белең, - Шабдан көңүлү көтөрүлө түштү, - Канча айтам, мындайда деги эле ушул дартка дабаа болот.

- Даярдап койуп унутуп калыпмын, айбымды мойнума алам, - Кылыктана күлүп койду да эки стаканга винодон куйуп бирин Шабданга сунуп бирин өзү алып, - Сиздин денсоолугуңуз үчүн алып койолу!

- Сиздин дагы! - Шабдан аны карап көзүн кысып койду, - Кандай дейсиң, сиздин, биздин денсоолугубуз болсо башкасы кудайдан да!

- Туура, кудай кулум десе кумурсканын буту сынбайт имиш.

- Бекер жерден өрт чыкпайт дегендей ата-бабалар өз башынан өткөндө айтылган сөз эл оозунда калган да? - Экөө көпкө чейин винодон ичип отуруп анан таң агарып келатканда Шабдан үйдөн чыгып кетти. Ат бастырып келатып ойлонуп: "Эгер балдарга андай катаалдык кылса, андай аялдын кереги жок, тез арада кетиришим керек, чын эле төрөбөгөн аял баланын баркын билмек беле" деп ойлуу кете берди. Эртелеп жумушуна келип отуруп калды. Ал күнү кечке ойлонуп жүрүп түштөн кийин эки теңтушу аны чакырып көпкө отуруп анан кызуу келгени ошол болчу. Кызуулугу менен айтып алып анан кайра өзүнчө ойлонуп: "Кой, минткеним болбос, бейчеки сөзү жок, балдарым кысым көргөндөй көрүнбөйт, эркелешип апалап отурат, өгөйлүк кылып кагып силксе андай болмок эмес, балким элдин ушагыдыр" деп үйүнө эртерээк келип балдарынын маанайын байкап көрмөк болду. Дал ошол күнү эртелеп келатса Адилет жолдо ойноп жүрүптүр, алдынан чыгып:

- Ата, атка мингизчи! - деди эле жерден эңип алып өңөрүп келатып:

- Апаң кайда? - деди.

- Апаң урушкан жокпу?

- Жо-ок урбайт.

- Гүлсананычы?

- Гүлсананы деле урбайт, ага жомок айтып берет, апам жакшы-ы.

- Оо садага кетейин десе, апаң жакшы болсо эле болду, - Уулун өөп койуп короого жетип аттан түштү да үйгө кирди, - Ээ Азимбү, үйдөсүңбү?

- Эмне болду? - Азимбү чыга калды.

- Жөн эле, келгенде сени издеп калчу болдум, үйдүн ээси эркек болгон менен кут, ырыскы аялда болот экен, аял жок үйдүн көркү жок экен да?

- Киргиле тамак даяр, - деп дасторконун жайганда Гүлсана идиштерин алып келип тыпылдап жардам берип жатканын, кызынын маанайы жакшынакай болуп апасы барындагыдай балалык ойнооктугу көзүнөн көрүнүп турганын байкады: "Кудай уруп жаман айтпаганым туура болгон экен, көңүлүн калтырып алып Болотканга жаман көрүнүп калмакмын" деп ойлоп алды. Жайнаны эстеди, ал Шабдандын аялы өлгөндө эгер ал алам десе ажырашканга даяр эле, Шабдан анын үч баласы менен өзүнүн үч баласы батышпай калабы деп унчуккан эмес эле, ошону үчүн анын ичинде өкүнүчү калган. Ошондуктан Жайна ага ич күйдүлү менен укканына укпаганын кошуп айткан эле.. .

Шабдан балдарынын жакшына болуп чоңойуп жатканына ичи жылып жумушуна көңүлдүү боло баштап көңүлү тынып калды, Жайна болсо: "Шабдан аялын кетирип мага көбүрөөк келип турат, балким үйлөнөм десе Баатырбек менен ажырашам да тийип алам" деп жүрдү, бирок анын кенебей жүргөнүн билгенден кийин, ого бетер тынчсызданып анын жумушуна дагы келди. Шабдан бул жолу салкын кабыл алды:

- Кел Жайна.

- Келдим, кабар албаганыңыздан эле келип калдым, - Ал кылыктана күлө карады, - Неге келбедиңиз, жок дегенде анда санда бир барып ал абалымды билип турсаңыз боло?

- Кол бошобойт Жайна, мындан ары жыйыштырбасак болбойт, бул жерге келбей жүрчү, ансыз дагы баары билип калды.

- Ох-ох-ох-ой, мынчалык не болду, билсем болобу?

- Жакшы жүрдүк, сенин дагы балдарың чоңойду, эми биз ажырашабыз, - Шабдан үңүрөйө кагаздарына тигилди.

- Болуптур, эмне демек элем: "Ойнош оттон ыссык" болот да бир күнү сууйт, сасыйт.. . - Жайна кызыктай абалга келип бир азга үнү буула түштү, - Шабдан, бул күн эртеби, кечпи болмок, ошол күн келди, демек эми бир өтүнүчүм бар.. .

- Айт аткарам!

- Мага бир семиз койдун эти, эки мүшөк буудай, беш жүз сом керек болуп жатат.

- Акчадан башкасын берейин, билсең менин айлыгым эки жүз элүү сом, анан сага беш жүз сомду кайдан табам?

- Таап берип турсаңыз жакшы болот эле.

- Болбойт, буудай менен бир койдун этин бирөөнү жибер жаздырып койом, - Шабдан ошол бойдон унчукпай иш кагаздарына көз жүгүртүп жалгыз отургандай таризде отура берди. Аргасы кеткен Жайна ызаланып чыкты контордон. Аны көргөн катчы кыз таңгала ийнин куушура кала берди. Түштөн кийин айткандарын алып кетип жатканда ага кассир жолугуп эки жүз сом берди. Ошол убакта пол жууган аял коридордо жүрүп аны көрүп:

- Өлүгүңдү көрөйүн шуркуя, мен керээли кечке иштеп жетимиш сом алам, иштебей үйүндө отуруп эки жүз сом алып атканын, - деп күбүрөнө жаман көзү менен карап койду. Аны байкаган кассир:

- Сизге эмне болду? - деп жылмайып койду, - Ал кезде Жайна чыгып кеткен эле, - Ачууланып, кимгедир жиниңиз келгендей түрүңүз бар?

- Тиги шуркуяны айтам, ай сайын жетимиш сом үчүн пол жууп жүрөм, бул келип эки жүз сомду иштебей эле алып кетип жатканын кара!

- Ой ал тиги акеңиздин сүйүктүүсү да, - деп шыбырап койуп басып кетти. Жайна үйүнө келип этти буздуруп казанга асып, калганын туздап алды, бир амал таап, Шабдандын мындан ары келбесин ойлогондо ичи ачышып, аны кайтарып алгысы келип ойлонуп жатты. Акыры бир амал таап өзүнчө кубанып алды. Кадырбүнү дагы пайдалангысы келип аны Шабданга жөнөттү.

- Сен бар дагы.. . - Жайна ойлонгон ойун ага айтты, ал ага күлүп тапкычтыгына кубанып алды. Ошентип Азимбүгө бармак болду. Адегенде Шабданга кат жеткирди. Ал катта: "Ардагым Шабдан, менин сага бул катты жазганым туурабы, туура эмеспи, айтоор койуунумда эрим турса да бөтөн эркекке өз дилимди, ак денемди сыйпалаткан аял мен элем, анткени мен сени жанымдан да жакшы көрөм. Сени менен болгон убакта дүйнөм түгөл, жан дүйнөм тынч. Өзүм каалап, сүйүүмдү арнаган эркек сенсиң! Эгерде сен дагы бир эле жолу өз көңүлүң, өз эркиң менен мени эңсеп, самап жок дегенде жүрөк сүйүүсүн эмес көңүл сүйүүсүн арнаган болсоң акыркы ирет мени менен жолугууга келип эңсегенимди басып, жүрөк каалоосун аткарып, жарпымды жазууга келээрсиң!" деп жазылган эле. Шабдан ары ойлонуп, бери ойлонуп көрүп: "Айтса, айтпаса төгүнбү, болгон эркимди жыйып, жүрөгүм менен кеңешип, ырахаттын туу чокусун эңсегенде барып, чарчаганда эс алып, моокумумду кандыра жытынан искеп кумарга батчу эмес белем. Кой акыркы жолу аны менен дагы бир жолу жалгандын ырахатын сезип өмүрдөгү кайталангыс мүнөттөрдү чогуу өткөрүп, анан баарын бүтүрөйүн" деп ойлогон Шабдан кечтин киришин күтүп анын үйүнө карап ат бастырып жөнөдү.

Кадырбү Шабданга жолугуп катты бергенден кийин көчө бойлоп баратып Шабдандын үйүн издеп акыры тапты. Жол бойунда сүйлөшүп турган жаш жигитти көрүп аны чакырып алды да бирдемелерди шыбырап жатты. Ал башын ийкеп жылмайып алды да Шабдандын үйүнүн жанына барып тестиер баланы чакырды, анысы дагы бирөөнү, акыркы үч-төртөөнөн кийин Адилетке тийди, ал жүгүрүп барып Азимбүгө жетти:

- Апа- а, апа дейм муногуну бирөө берди го?

- Ал эмне экен?

- Кат да, кат бекен көрсөңүз?

- Мейли, көрөйүн уулум, - Азимбү уулунун башынан сылай, - Көрдүңбү, душманды жаратыш оңой, жок кылыш эмне болоор экен? - деп ойлуу отуруп калды. Окуй элек Адилет апасынын капа боло түшкөнүн сезгендей:

- Эмне болду апа? - деди күнөөлүдөй.

- Эчтеке, балам, ойной бер, бар бара гой, - деди да не кылаарын билбей жаны төрт чарчы боло кыжаалат болуп кайра-кайра окуп жүрөгү зырпылдап сайгылашып ооруп чыкты: "Мен деле бир кезде жүрбөдүм беле, анда жаш элем, жыйырма сегиздерде болсом керек, эми кыркка чыгайын деп калдым" деп ойлуу телмирди. Катта мындайча жазылган эле:

"Урматтуу Азимбү эже, сиздин денсоолугуңуз чың болушун тилеп сизге бир өкүнүчтүү окуя айткым келет. Эгер мүмкүн болсо күйөөңүздү бир аял менен жыргап, көңүл ачып жүргөнүн айткан турам, анткени Шабдан өлгөн аялы барында эле Жайна деген келин менен жүрчү. Эми сиз келгенден бери да аны менен жолукканын токтоткон жок, анткени аны жанынан да артык көрөт, экөөнө күйөөсү гана тоскоолдук кылып жүрөт, болбосо алда качан кудайдын карманы менен тагдырына миң мертебе ыраазылык кылып үйлөнүп алышмак. Сиз бекер кыласыз ага ишенип, сизди аял катары эмес балдарын жакшы карап, бага турган тарбиячы катары гана кармап турат. Билсеңиз керек, кээде кызматчысына деле ашык болуп аны төшөгүнө сүйрөгөн мырзалар болгон. Сизди дал ошол күң катары гана кээде сыйлап балдары үчүн жаныңызга жатпаса Шабдан эч качан сүйбөйт, көңүлү жок! Эгер ишенбесеңиз кечки күүгүмдө ошол жерден алардын ашыктык армандары айтылып, махабат кумарына батып жаткан кезинде өз көзүңүз менен көрсөңүз болот" деп үйдүн дайын, дарегин жазып койгон экен. Деңдароо болуп көпкө отурду: "Мейли, өзүнө жаккан аял болсо жүрө берсин, тагдырым ушуну тартуулап жатса айлам канча" деп отуруп калды. Ал эч жакка барбады. Өз оокатын кылып, эки наристеси менен бабырашып ушул турмушуна ыраазы боло ал күнү жатып калды. Түн бир оокумда Шабдан келди, Азимбү туруп тамак бермекчи болду эле ал:

- Жо-ок убара болбо, тынч жата бер, кечигип калдым, кой жаталы, сен деле балдар менен чарчадың го? - Шабдан чечинип анын жанына жатып колун арта салып алганда:

- Жумушуңда оорчулук жокпу? - деди аста улутуна.

- Жо-ок Азим, эч кандай оорчулук жок, кабатыр болбо, балдар кыйнаган жокпу?

- Кыйнабайт, мен ошолордун күлкүсүнө, ойноп күлүп балалык бактысына ыраазы болуп турса, менин бактым ошол, кудай мени балалуу болуп, наристе жытын жыттаганыма ыраазы болгон жок, туубасам да тутунган балдарымдын бактылуу күлкүсү мени ырахатка бөлөгөндөн башка эч убарасы жок!

- Капа болбо, айтып койдум да.. . - Шабдан аны коомай кучактап жаткан бойдон уйкуга кетти: "аттиң, сүйбөгөнгө сүйкөнбө деген туура экен да, мен деле бир эрдин кучагын толтуруп, койнунда ырахаттын даамын сыза турган курактамын, неге мени ошол Жайнадай көрө албасы белгилүү, аны жакшы көрөттүр, дилин, жакшы сөзүн арнагандыр, мени жөн гана үйгө койуп балдарынын келечеги үчүн кам көргөндүр, ушунусуна да канагат, жалгыз тамда күн кечиргенче жакшы адамдын аялы болуп, балдардын, атасынын камын көрүп үйдүн ээси болгонума да ыраазымын, деп терең улутунуп алып ары бурулуп кетти.

* * *

Айбек Перизатты алып баса бергенден бери тогуз айдын жүзү болгон. Ошондон бери аны камап жүрүп ишенип калгандан кийин экөө көңүл ачууда. Айлана жашыл баркытка жамынганына бир топ болгон. Май айы капортосунан ооп, бак ичи гүлгө оронуп, көркүнө көрк кошулуп, жагымдуу жыт, таза аба, каңылжаарды жарып ырахатка бөлөйт. Сыдырым желге ыргалган ак кайыңдын жалбырактары ыргалып, айлана бөтөнчө сулуу да, кооз да эле.. .

- Ак жоолукчан мөлмөлүм, башыңа жолук салдым, бул ирээт жүрөгүмдүн жарымын таштап алыска жол тартууга аргасызмын! - жигит келиндин жүзүнөн аста сылай, аркы-терки жүзүн жаап турган саамайларын жоолук астына кыстара кучагына кысты.

- Кечир Айбек, мен башканы Ырысбекке теңебейм, андан башканы сүйүп кете албайм дечү элем, көрсө ар бир нерсенин өз орду бар тура.. . - келин улутунуп, умсунуп алды, - Кудай ай, ак никеден төрөлгөн акактай балдарымды, көзүмө азамат шер көрүнгөн Ырысбегимди бөтөн бирөөгө алмаштырбайм дечү элем, негедир жүрөгүм башкача согот, сенсиз өмүрүмдү элестете албай калдым, - Келин көзүнүн жашын мөлтүрөтө жигитти бекем кучактап алып шолоктоп жатты, ал анын амалы гана болчу, качууга даярданып жаткан.. . Перизат эле.. . Ырысбек бир кыз, бир балалуу болуп, көңүлү тынып, ата-энесинин арбагына сыйынып калган. Ушул бактысына ыраазы, перидей болгон Перизатын жанындай көрөт. Короодо малы, үй ичинде толгон дүнүйө, кээде отуруп заматта эле жашоосу майрамга айлангандай болуп өзү күтпөгөн нерсе болуп кеткенине айран таң: "Кечээ гана томолой жетим бала элем. Адам болдум, ата-энемдин арбагы колдоду, эми ушул жашоомо ыраазы болушум керек" деп ойлоп көңүлдүү үйүнө кирди.

- Оо Пери, Перизат!

- Эмне болду Ырыс!

- Эч нерсе, сагынып кеттим, кана уулуң менен кызың кайда жүрөт, алар жокто бир кучактап өөп алайынчы? - деп аялын кучактап өпкүлөп жатты.

- Бала болуп кетесиң да, - Перизат күйөөсүнө наздана өзү да аны бекем кучактап алды, - Мен дагы сени саат сайын сагынып кетем.. .

- Ой апа-а! - Гүлзана бөйрөгүн таяна экөөнү карап турган.

- Сен уялбайсыңбы, - Тилек аны жеңден алды, - Жүрү эшикке ойнойбуз. Ырысбек менен Перизат алты жашар кызы менен төрт жашар уулун көрүп бир биринен бошонуп күлүп жиберишти.

- Гүлзана уялбайт, - Тилек атасына күлүп карап калды, - Силер өбүшүп атканыңарды караба дегемин да?

- Ики, өзү деле караган, сен биринчи келдиң го? - Гүлзана такылдап Тилекти бир чапты, - Жөн турчу!

- Өзүң жөн тур! - Экөө чукулдашып калганда Ырысбек экөөнүн маңдайына отура калып:

- Экинчи урушпай жүргүлө, - Тилекти колунан кармап, - Гүлзана эжең болот, мындан ары эже дегин макулбу?

- Ооба-а.

- А сен иниңди урушпай жүр, ынтымактуу болуп жүргүлө!

- Ата, мен эжем менен урушпайм ээ? - Тилек атасынын мойнуна кучактап калды.

- Азама-ат уулум, сен уул баласың, акылдуу болушуң керек!

- Мен деле акылдуу болом! - Гүлзана ушинткенде Перизат аны кучактап:

- Менин кызым дагы абыдан акылдуу болот, - деди жылмая. Ошентип бактылуу үйбүлөө дасторконго отурушту. Ырысбек Перизатка карап:

- Эртең Фрунзеге барып келейин, - деди.

- Кандай жумуш, билсек болобу?

- Жөн эле Пери, менин бала чагымдан өскөн үйүм, интернатка барып келейинчи, билесиңби мен ал жерде он эки жыл ата-энемди күтүп, короонун оозунан көзүм өтүп чоңойгомун, - Ойлуу ичип жаткан чынысын телмире тиктеп бир саамга отурду, - Уктаганымда гана тынч албасам таң аткандан кеч киргенче ойнобой жол караар элем.. . Перизат унчукпай калды, ал ушул ирээт да, буга чейин да өзүн күнөөлү сезе берчү.

- Ырыс, анчалык эле сыгыла бербечи, макул барсаң барып кел.

- Ооба, эртең жөнөйм, Пери мен ылайыгы келсе ошол жерден Тилектен кичирээк бир бала алып келем, колумдан келсе бир баланы болсо да жетимчиликтен куткарышым парз.

- Ырыс, ал эмне дегениң, балабыз болбосо бир жөн, баласы жоктор гана бала алып бакканын уктум эле, бул обу жоктук го?

- Болду, балалуу болсок да, ата-энеси жокпу ата-энелүү кылып сообуна калмакмын!

- Өзүң бил, - Перизат унчукпай калды.

Ырысбек Фрунзеге келип эле интернатка барды. Сыртынан карап көпкө жүрүп анан кирди, директор өзү билген Анатолий Иванович чыкыйган жигитти көрүп очкисин өйдө көтөрө карап калганда Ырысбек ага ийиле салам берди:

- Саламатсызбы, Анатолий Иванович, мен бул жерде чоңойгомун, Айбеков Ырысбек.

- Аа-а, я помнйу, кандай иштериң жакшыбы?

- Жакшы, өзүңүз кандай, балдар жүрөбү?

- Оо-ой укмуш, азыр балдар көп, силер чоңойуп, өз жолуңарды таап кеттиңер, биз болсо улам келген балдарды чоңойтуп жатабыз.

- Сиздерге рахмат, ата-энелүү балдардай кылып өстүрөсүздөр, мен бир кайрылып ыраазылык билдирүү үчүн келдим.

- Азамат, бул жер сенин өскөн үйүң, келип тур, мына зыңкыйып жигит болупсуң, үйлөндүңбү?

- Ооба, эки балалуу болдум, - Ырысбек ойлуу директорду карап калды, - Сиз менен сүйлөшсөм дедим эле.

- Кулак сенде, - Анатолий Иванович аны жылмая карады.

- Мен ата-энеси жок бала болсо алып багайын дегем.. .

- Ойлончу иш экен.. . - Анатолий аны ойлонуп тиктеп отуруп, - Жашоо турмуш кандай? - деди.

- Баары жакшы, - Ырысбек ишенимдүү айтканда Анатолий Иванович:

- Ырысбек, биз сендей боорукер адамды өстүргөнүбүз үчүн сыймыктанабыз, балдар бар, бирок азыр болбойт, ал үчүн сен документ топтоп, бала бакканга даходуң жете турганын далилдеген справка алып кел, ошондо гана болот, - деди.

- Болуптур, - Ырысбек көп кармалбай эле коштошуп чыгып кетти. Бала кезиндеги ойногон жерлерин карап басып жүрүп анан короодон чыкты. Ал ойлуу басып баратып: "Мен дагы чоңойдум ээ, кандай гана күндү көрбөдүм, үмүтүм үзүлбөй атам менен апамды элес булас элестетип кирип келип мени кучагына кысып алып өпкүлөп, көтөрүп алып кетсе деп жол карап жүрүп чоңойдум го, көрсө алар алда качан келбес болгон тура, аттиң менин чоңойгонумду көрсө кандай кубанаат эле, неберелерин жетелеп жүрүшпөйт беле?" деп күрсүнүп алды: "Эми балдарым мен көргөндү көрбөсө экен, бактылуу болушса экен" деп кетип жатканда:

- Эй Ырысбек! - деген үн маңдайынан чыкканда карай койсо алдында Айбек деген интернатта бирге чоңойгон бала турат.

- Айбек, сен кайдан? - Экөө кучакташып калышты.

- Өзүң кайдан?

- Мен ушул жердемин, сени көрбөй калдым.

- Айылдамын.

- Аа-а ошондой, үйлөндүңбү дос?

- Ооба, үйлөнүп эки балалуу болгом, өзүңчү?

- Ээ дос, мендей эч кимиси жок жетимди ким карамак эле, дагы эле бойдокмун, же жумуш таппай жүрөм.

- Дос, анда мени менен айылга кет, экөөбүз иштейбиз, айлдык сулуу кыздардан таап үйлөнтүп койом! - Ырысбек ичинде арам ойуу жок чын пейли менен сүйлөп жатты, кайдан билмек: "мал арыгын сактасаң оозуң майлайт, киши арыгын сактасаң башың кандайт" дегендей койнундагы: "өмүр бойу сүйүп өтөм" деген аялын азгырып үйүн бузарын билсе жүрү демек эмес эле да.

- Болуптур дос, кантсе да бирге чоңойуп бир туугандай болуп калганбыз, сага ишенем, - деп Айбек аны убактылуу жашап жүргөн жерине ээрчитип келди да кийим-кечесин алып кошо жөнөдү. Айбек төрөлгөндөн ташталган бала болчу, анын ата-энеси дайынсыз бойдон калган. Тагдырына нааразы болуп ар жерде жүргөн Айбек аны кубанып ээрчип алды, анда деле азыр арам ой жок, эптеп жашоонун амалын ойлоп баратты.

- Ээ дос, мына билинбей отузга келип калдык, убакыт деген учкан куштай сызып өтө берет экен, кудайга шүгүр, ата-энемден калган үйдө турам, жашоо ойдогудай, эч кам санаба, сен да бир күнү үй күтүп адам болуп кетесиң, - Ырысбек үйгө келатканда аны карап күлүңдөп койду.

- Ананчы, отуз жашка чыккыча не дегенди көрбөдүм, сенин тууганың бар экен, үй-жайың белен болуп көңүлүң тынч болуп калыпсың, менин эч кимим жок, - Айбек оор улутунуп алды. Аңгыча келип калышты, Гүлзана менен Тилек алдынан жүгүрүп чыгышты:

- Ата-а!

- Атам келди, атам келди апа-а! - Ошол кезде үйдөн Перизат чыга калды. Айбек менен ийкеше учурашып:

- Иш кандай? - деп Ырысбекти карады.

- Баары жакшы Перим, бул мени менен бирге интернатта чоңойгон досум, аты Айбек, - деп Айбекти карады эле ал саал жылмая Перизатка карап койду, - А бул менин аялым Перизат, бул экөөнүн апасы, - Ырысбек кубанычтуу аларды тааныштырды да, Эмесе үйгө кирели досум, - деп колун үйгө жаңсады.

Ээрчише кирип Айбекти төргө өткөрдү. Келген күнү Айбекти абдан сыйлады. Ээрчитип айылы менен тааныштырды, жаңы бүтүп жаткан тамын көрсөттү, кыскасы ары жак, беи жакты көрсөтүп, бир туугандай мамиле жасап кубанычтуу жүрдү. Жумушуна ээрчитип барып сүйлөшүп киргизип койду. Экөө күндө ээрчишип барып келип иштеп жүрө берди. Айбек шайыр, ачык айрым жигит эле. Жумушта бат эле ордун таап алды. Айбек ага кубанып алат. Ошентип ал өз бир тууганындай көрүп койнун ачып берди. Айбек Ырысбектин өтө боорукерин мурда эле билчү, ошонусунан жазбаганын, ого бетер адамгерчиликтүү, меймандос болуп калган досунун жашоосуна кызыгып: "Ырысбек бактылуу экен, ага-тууганы минтип үй-жайын оңдоп киргизип, аял алып берип кам көрсө, аялу сулуу экен" деп кубанып алган менен артында ич күйдүлүгү артып баратты. Ич күйдүлүгү бара бара койнундагы аялына көз артуу менен башталды. Адегенде биринчи айлык алганда эле көтөрүнүп келди, балдарына таттуу, тарапа менен Перизатка тандап жүрүп жоолук алды.

- Ой дос жоолукту эмне кыласың, ашыкча сарп кылбай эле өзүңө сакта, - Ырысбек ойунда эч нерсе жок айтты.

- Ээ досум, силер менин кам көрүүчүм, бир тууганымсыңар, жеңеме алгачкы айлыгымды алганда жоолук алып берип койсом эчтеке болбойт, ансыз деле эч кимим жок, - деп ойлуу айтканда Ырысбек аны жайкап алаксытып кетти:

- Оо азамат десе сендей досумдун барына сыймыктанам, маакул эми жеңеңе кааласаң баарын алып бер! - деп күлүп койду.

- Койсоңчу тим эле койсоңор болмок, өзүңө кийим-кече алсаң андан көрө, - Перизат ушинтип тим болду. Бирок келгенден бери анын мүнөзү өзүнө жагып калган. Кээде көз караштары бириге калганда айласын таппай калчу болду, адам сүйүүгө жетпей да какшайт, жетип алып кадырын билбей ордото бирин, экин балдарга убал экенин ойлонушпайт, сүйүүнүн эмне экенин жакшы түшүнө албаса сүйөм деп эмне кылат. Перизат негедир өзүнөн өзү Айбекке тартылып баратты. Эки баласы чоңойуп калган, Гүлзана биринчи класска барганы турат. Тилек такылдап башкача акылдуу. Ырысбектин төбөсү көккө жеткендей ыраазы болуп барган сайын аялын сүйүп барат, ар убак бош боло калганда эч ким жокто аялын кучактап алып:

- Перизат, мен абдан бактылуумун, пешенеме сендей сулуу келинчек туш болуп балалуу болгонума, айтчы сен дагы бактылуусуңбу? - деп өөп алды.

- Сурайсың да, балдар кирип келбесин, болду эми бала болуп кетпей, - Перизат аны өзүнөн алыстатып түртүп кылыктана ары жылды, - Сүйгөн үчүн, бактылуу болгон үчүн жаныңдамын да!

- Жаным десе, ким көрсө көрө берсин, мен өз аялымды кучактап жатам, бирөөнүкү эмес, - Ырысбек аны кайра кармап алып кучактап алды, - Туурабы жаным?

- Туура, өз эле аялыңмын дечи, балдар же Айбек кирип келсечи?

- Алар көрсө көрө берсин!

- Кой эми жумушум калды.

- Жумуш токтоп турат, мен сени сагынып кеттим! - Ал аялын өпкүлөп жатканда негедир ал өз күйөөсүнөн жыйрыла бойун ала качкандай тартылып алды, мурункусундай ага берилип жаткан жок, ал ушул тапта көз алдына Айбекти келтирип алып анын кучагында эркелегиси келди, эңседи, жан дүйнөсү кандайдыр бул эки оттун ортосунда калгандай жалындап баратты, көзүн жумуп алып күйөөсүнүн кучагында турса да Айбек менен тургандай бүткөн бойу дирт, дирт этип алганын сезбеди, анысын сезген Ырысбек Перизатына ыраазы болуп: "жаш кезиндегисиндей эле сүйөт, менин сүйүүм, менин ырысым" деп жатты. Ошол учурда Айбек кирип келатып экөөнү көрүп акырын чыгып кетти: "Эмнеге мен өз каалаганыма жете албайм, мунда баары бар, менде мында бардын бири жок, мен дагы бактылуу болушум керек" деп ойлонуп эмне кылаарын билбей өз күйөөсү менен кучакташып турган Перизатты кызганып кетти. Бир аздан кийин көңүлү көтөрүлө сыртка чыккан Ырысбекти көрүп басып келди.

- Кандай эркелештиңер? - деп сурап койду.

- Ой ата, көрүп калдыңбы? - Ырысбек күлө карады.

- Аа-а мейли, боло берет.. .

- Айбек билесиңби, мен Перизатты он жашынан сүйдүм, бөйтөйгөн жүзү, капкара көздөрү азыр да көз алдымда, негедир күндө жолугуп турчумун, анда мен он жетиге чыгып калгамын, булар менен ойногон абдан көңүлдүү эле.. . - Ырысбек ушунчалык ырахаттана сүйлөп жатканда Айбек уккусу келбесе да аны карап тура берди.

- Мен эч кимди сүйүп көрө элек элем дос негедир кийинки күндөрү жүрөгүм эле кыжаалат, бирөөнү сүйүп калганымды да билбейм.. . - Айбек жер карап сүйлөп жатып Ырысбекке көз кыйыгын жиберди.

- Ой сүйүп калсаң сөз жок үйлөнтүп койом, деги ким экен ал?

- Азырынча сыр болуп турсун, түйүнү чечилгенде өзүм айтам макулбу? - Ал кытмыр жылмая карады.

- Өзүң бил, иши кылып колдон келчү иш болсо эч аянбайм, сен үчүн баарын кылам, ансыз да бир туугандай болуп калдык, айылдын четинен жер бөлдүрүп алып үй салабыз, өзүңдүн үйүң, үйбүлөөң болот, кам санаба! - Ырысбек арам ойуу жок, чын дили менен далыга таптап койду. Аңгыча Перизат чыгып аларды кечки чайга чакырды эле Ырысбек балдарын ойноп жүргөн жерден алып келмек болду, Айбек үйгө кирди. Ушул кезде дагы экөөнүн көздөрү тиктеше Перизат ашканаасына кирип кетти: "Мага кайдыгер эмес, эмне экен, эгер мени менен кетүүгө даяр болсо кайда болсо да алып кетем" деген ойдо телевизор карап отура берди. "Эмнеге минтип жатам, мени кудай урду, көзүмдү карап сүйүүсүн арнап отурган ак никелүү эримди жерип, эмне кылам эми, Ырысбекке айтып аны бул жерден кетир десемби" деп Перизат тамак-ашын даярдап жүрүп ойлонуп алагды боло берди. Топурап кирип келип:

- Апа, курсагым ачты, - деди Гүлзана ага жармаша.

- Менин дагы, тамак барбы? - бир жагынан Тилек чыкты.

- Киргиле, жууңдуңарбы ыя?

- Жо-ок.

- Анда жуунуп анан киргиле, керээли кечке чаңда ойнойсуңар, кийимиңерди кир кылып.

- Жүргүлө мен өзүм жуунтам балдарымды, - Ырысбек экөөнү жетелеп чыгып жуунтуп кайра кирди.

- Менчи ата, мен Мирбекти уруп койбодумбу? - Тилек атасына эрдемсий сүйлөп атты.

- Ооба сага, урбай эле өзүң ыйладың го? - Гүлзана анын калпын чыгара нукуп койду, - Ата балаң жөн эле мактана берет, колунан эчтеке келбейт!

- Балам азамат, ыйлап даттанып келген жок да кызым, эмнеси болсо жемин жедирбейт, - Тилекти башынан сылай далысынан эркелете таптап койду, - Сен эрктүү бала болосуң ээ?

- Ийи, кызың эле мени уруша берет эмне?

- Сен өзүң калп айтып жатсаңчы?

- Кой эми болду, тытыша кетпей тамагыңарды ичкиле, - деди Перизат балдарын тыя.

- Балдарым эстүү апасы, көп уруша бербе.

- Урушмак турсун сабайм, шашпа дагы кийим-кечесин кирдетип келсе суу чыбык менен урбасамбы?

- Мен кир кылган жокмун го, Тилек топуракка ойнойт, - Гүлзана актана кетти, - Тилегиңди урушсаң, - Тултуя таарынып калды.

- Ооба сага өзүң.. .

- Болду эми, тынчыраак отуралы, үйдөгү кишинин деле тынчын аласыңар да, - деп Перизат жылмайып койду.

- Жок, жок эч нерсе эмес, биз бир үйбүлөө болуп калбадыкпы, балдардын эркин өскөнү жакшы, - Айбек аларды карай, - Мен тынч эле отурам, балалуу үй базар деген ушу да.

Ошол күнү Айбек жумушка барбай ооруп калды. Ырысбек өзү кетти, кетип жатып Перизатка аябай табыштап кетти. Дары берип, ыссык шорпо жасап ичирип карап атты. Айбектин эч жери деле ооруган эмес, ал Перизат менен ачык сүйлөшкүсү келип шылтоо кылган болчу.

- Перизат, - деди ал жанына келип тамак берип аткан Перизатты карай, - Мен жөн оорубай жүрөгүм жараланып сүйүүдөн ооруп калдым.

- Кызык экен, ал ким болду, сени ушунча азапка салган? - Перизат ага жалжылдай карады, - Андай болсо үйлөн.

- Үйлөнө албайм.. .

- Эмнеге?

- Күйөөсү бар.. .

- Күйөөсү бар аялды сүйүп эмне табасың?

- Билбейм, өзүм да түшүнбөйм, ал үчүн сенин жардамың керек? - Айбек келинди колунан кармап калды, - Ырас айтам, сен гана жардам бере аласың!

- Кой Айбек, мен андайга баралбайм, күйөөсү сени, мени, Ырыс экөөбүзгө өчөшүп калып жүрбөсүн.

- Перизат, мен башканы эмес, сени сүйүп калдым!

- Эмне-е, бул эмне дегениң Айбек?!

- Ооба, чын айтам, мындан ары чыдай алчудай эмесмин, сени Ырысбектен кызганчу болдум.

- Мындай сөзүңдү экинчи угузба, Ырысбек сени өз бир тууганындай көрөт, ошого карабай душмандык кылгың келеби?

- Душман? - Айбек аны таңгала карап калды, - Мени ага душмандык кылып жатат деп ойлойсуңбу? Жо-ок Перизат, бирок өз кызыкчылыгың үчүн бирөөнү курмандыкка чалууга неге болбосун?

- Андай дебе Айбек, ушунчаңда бир жакка кетип кал, биздин балдарыбыз бар, тынч жашап жатканда бүлүк сала көрбө! - Перизат колун жулуп бошонду да чыгып кетти. Айбек анын артынан туруп барып акырын кучактап калды:

- Мен сенсиз жашай албай калдым Перизат, эгер кааласаң бүгүн, эртең болсо да сени бул жерден алып кетүүгө даярмын!

- Жок, болбойт Айбек, ак никелүү күйөөмдү, балдарымды эч нерсеге алмаша албайм, сен мени түшүн, мен Ырысбекти сүйөм! - Перизат Айбекти түртүп жиберди, - Ырысбектин чын дилинен кылган жакшылыгына берген жообуң ушулбу?

- Өз бактым үчүн баарын курмандыкка чалууга дайым даярмын!

- Уятың жок тура, мен Ырысбекке айтып сени бул жерден кетирем, "ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын" дегени турасыңбы?

- Алтыным, жаным менин, кандай десең да макулмун, Ырысбекке айтсаң айт, ачык чечишебиз!

- Айбек, эмне деген адамсың деги? - Перизат ага өзү берилип кучагына бойун таштагысы келип турса да карманып калп айбат кылып жатты. Экөө көпкө айтышты, балдары ойноп кечке үйгө киришпейт. Бир убакта Айбек Перизатты көтөрүп алып ички үйгө кирди да каршылык кылганына болбой өз максатын ишке ашырды. Перизат мелтирей көпкө жатып анан бойун түзөнүп алып чыгып кетти. Жолго чыгып кызын чакырды.

- Тилек кайда жүрөт, курсагын тойгузуп алса боло, дегеле үйгө токтобойсуңар да.

- Аны мен чакырып келейинби?

- Бар, тез келгиле, - Перизат аны жөнөтүп карап туруп калды. Алар чукулдаша жетип келишти, балдарын көрүп көңүлү ачылып калган Перизат экөөнү жетелеп үйгө кирсе Айбек оронуп жатып алыптыр. Бир карап койду да кызы менен уулуна чай берип анан үйүн жыйыштырып койуп жуунду, негедир анын Ырысбекке окшобогонун сезди: "Аял ала электиги го, мынчалык адамды жергатып койгон өнөрү бар экен алда качан эле үйлөнүп албайт беле" деп ойлонуп кечки тамагын жасаганга киришти, Ырысбек кечирээк келди.

- Өх, аябай чарчадым, эртең мени талаадагы бузулган машиналарды оңдойсуң дейт, кечке ошол жакта болушум керек экен, сварканы да өзүм иштетет окшойм.

- Чөп жыйнаган машиналардыбы?

- Жо-ок комбайндарга, келбей үч-төрт күн жүрүп да калышым мүмкүн, - Анан Айбектин жанына барды, - Ден-соолугуң кандай?

- Дурус, эртең жумушка чыгам го? - Айбек чайын ууртап жатып жооп берди, - Ооругандын бетин ары кылсын, бир күн жатам деп жаман болуп кеттим.

- Жаман эмей, денсоолуктун бары жакшы досум, анда сен ишке чыксаң чык, мен үч-төрт күн барып келейин.

- Сен күндө барып келип турсаң болбойт бекен?

- Кечке чарчап анан үйгө келип, таң заардан туруп жөнөгүчө аерде эртерээк жатып эс алып алганым жакшы да.

- Аның туура, - деп экөө дагы бир топко сүйлөшүп отурушту. Перизат үн деген жок, анын эси көөнүнүн баары үйбүлөө очогун сактап кала аламбы деген ойдо болуп чар жайыт санаага алдырып жатты. Эч нерседен капары жок Ырысбек менен эки наристеси гана карды кампайгандан кийин жатып уйкуга кирди. Ички бөлмөдө Айбек, тышкы бөлмөдө күйөөсүнүн кучагында жаткан Перизат экөө ооналактап уктай албай жатышты. Аялынын бир чечимге келе албай жатканын, же уйкусу келбей кыйналганын Ырысбек сезген да жок. Эртеси эрте туруп кетти ал. Балдары бышылдап уктап жатышат. Перизат кайра төшөгүнө кирип жатып алды, түнү менен уктабаганга көздөрү жумулуп тез эле уктап кетти. Тээ чак түшкө чейин уктап калган экен балдарынын үнүнөн ойгонуп кетти. Тура калып үйүн жыйып, чай койду да жуунду. Андан кийин чогуу отуруп чай ичишти. Айбек жумушка кеткенден кийин өзүнчө отуруп: "Кызык, күйөөсү бар аял башка эркектер менен боло берет болду бекен, эгер Ырысбек билип калса кандай абалда калат?" деп ойлонуп башы ооруп чыкты. Айбекти жакшы көрүп калганын өзүнөн өзү жашырып, өзүнөн өзү качып жатты. Жүрөгү элеп-желеп болуп аны көргөндө муштумдай кызыл эт жүрөк ылдамдай согуп шаштысы кете түшөт. Ал күнү кеч келди Айбек, чогуу отуруп тамактангандан кийин Гүлзана менен Тилек уктап калышты. Перизат төшөктөрүн салып эми гана өзү жатмак болуп калганда Айбек аны колунан ала ички бөлмөнү карай үндөбөй жетелеп кирди, балдары ойгонуп кетпесин деп ойлогон Перизат:

- Жинди болдуңбу, сен мени өлтүргөнү жүрөсүң го? - деп жулкунганда ал болбой эле уйпалап сугалактана өөп, кийимин чечип ыргытты да:

- Жаным, мен сен үчүн жинди болуп баратам, ушунча чыдаганым жетет, мындан ары чыдай албайм, сени алып баш ооган жагыма кетем! - деп күпүлдөп жатып айтып жатты, - Сен бир ооз макул десең болду, сени өзүмдү сүйдүрүүгө аракет кылам, сүйүп кетесиң!

- Жок, андай болбойт, мен сени сүйбөйм дагы, сени ээрчип кете албайм, үмүт кылба! - деген менен бүт денесин бош таштап өзү кантип анын эки далысынан апчый бекем кучактап алганын сезбеди, ырахатка батып, жаны жыргап, белгисиз мейкиндикке учуп бараткандай болду.

- Алтыным менин, мен сени бактылуу кылам!

- Ансыз да бактылуумун!

- Жо-ок, мындан дагы бактылуу болосуң, жанымда сен болсоң мен баарын жасайм, мени жакшы максаттарга жетелеп, өчкөн үмүтүмдү сен уладың, сен бар үчүн мага дүйнө сулуу, жашоо кызык, табигат кооз.. .

- Сүйлөй бересиң да, балдарымды таштап кете албайм!

- Балдарың атасы менен болсун Перизат, ага кыйын болот, баардык бактысынан ажыратуу оор келип калат, бирок Перизат сүйүү деген убактылуу нерсе, аны сен тез эле унутуп мени сүйүп кетесиң, экөөбүз балалуу болобуз, - кучагына кысып алып сүйлөй берди, - Мен ата-энемди билбейм, эч кимим жок эле, эми сен барсың, мага ушул бакытты жазып койгон жаратканга ыраазымын!

- Айбек, бирөөнүн катыны бирөөгө кыз көрүнөт болбой башка бирөөнү табалы, сен үйлөн, Ырысбектин жүрөгүн оорутпай сый бойдон калганыңар дурус болоор.. .

- Жо-ок, өлүп ажырабасам тирүү туруп сенден ажырабайм, керек болсо эми сени Ырысбекке да бербейм!

- Жинди болуп баратыпсың, деги сенден канткенде кутулам, Ырысбек менин бакытым, таалайым, балапандай кезимден жакшы көрөм, сен мени кыйнабай аял ал, биз сага жардам беребиз макул дечи, макул болуп койчу?!

- Сенин Ырысбектин койнунда жатканың мен үчүн кандай азап экенин билбейсиң, анын жанында сен жатканда туруп барып аны сүйрөп чыккым келип зорго чыдачу болдум, мени алдаба, башка бирөөгө үйлөнмөк турсун ойум да жок! - Айбек анын үстүнө кайрадан чыкты. Дили бир, жашоосу бөлөк эки адам, бири ургаачы, бири эркек, аял кантсе да аялдык амалын кылып өзү дагы аны көптөн бери каалап жүргөнүн мойунуна алгысы келбей сырдуу бойдон ага берилип жан дүйнөсүн жыргалга бөлөгөн адамга тулку бойун биротоло энчилеп бергидей, тирүүлүктүн табышмактуу тагдырына баш ийгендей жан алы калбай ага жардам берип жатты.. . Таңга жуук кийине салып өзүнүн ордуна жатып калды: "Мынчалык дарамети күчтүү эркек боло туруп ушуга чейин үйлөнбөгөнүн кара, Ырысбек деле жакшы эле го, бирок мынчалык көптү билбейт" деп купуя жылмайып алды. Эртең мененкисин эч нерсе ичпей эле кетип калат. Үч күн дегени бир жумага созулуп экөө бир бирине кадимкидей көнө түштү. Перизат эми Айбек менен кайда болсо да кетүүгө даяр болуп турду. Ошол күнү дагы балдар уктагандан кийин дароо бириге калып иш баштап калышкан, жол бойуна машина токтогонун сезген Перизат дароо ыргып турду да кийинип ордуна жата калды, аз убакыттан кийин эшик такылдап:

- Перизат, ач эшикти, - деген Ырысбектин үнү чыкты.

- Ийи келдиңби, ушунча да жүрөсүңбү тобо-о, - деп Перизат ага асыла кетти, - Жаман сагынттың го?

- Ошондой болот да, иш деген иш, силерди багамын деп жүрөм го жаным, балдар уктап жатабы, Айбек үйдөбү? - деп үстөккө босток суроо берип ичке кирди.

- Тамак ичесиңби?

- Ичпей анан, кардым ачты, - Ырысбек бышылдап уктап жаткан уул-кызын эңкейип өөп, анан отуруп атканда ички бөлмөдөн уйкудан ойгонгонсуп Айбек чыкты:

- Жаман кечиктиң го дос?

- Баары жатып иштеп жатышат, мен кетейин десем уят го, унчукпай жүрдүм, бүгүн мени койо беришти.

- Аа-а жакшы, иштебесең да болбойт, бала-чаканы багыш керек.. . - Айбек ойлуу аны карады.

- Ошондо-ой дос, иштебесек нан жок, жашоо жок! - Ырысбек күлүп койду. Перизат тамагын ысытып алып келип үчөөнө куйду, көпкө чейин тамактанып анан жатышты. Айбек сыртка чыгып кетип көпкө кирбей жүрдү, ал ушул тапта Перизаттын Ырысбек менен жатканына ичи күйүп далбастай берди: "Эмне кылсам, өлтүрүп салып биротоло Перизат менен кетип калсамбы, жо-ок, өлтүргөндөн кийин сурагы бар, андан көрө эптеп Перизатты кеткенге көндүрүшүм керек" деген ойдо кирип жатты. Ырысбек бейкапар, тун сүйүүсүн арнаган келинчегинен көңүлү ток, ал эми Айбекке да ишенет, бала кездеринен бир бөлмөдө жатып, бирге ойноп, ачка болсо бир сындырым нанды бөлүп жеген теңтушунан арамдык ойлобойт дагы, Ырысбек ал күнү үйдө болуп кирдеген кийим-кечесин жуудуруп, өзү мончого түшүп, балдарынын жанында болду.

- Эртең кайра кетем Пери, күзгө чейин талаада болом го, сварканы үйрөнүп алганым жакшы болду, айлыгы жакшы болот дейт, буйруса кызымды окууга бараарда гүлдөй жасантып ээрчитип барып киргизип келесиң, - деди түштөнүү учурунда.

- Ырысбек, мен бир сөз айтсам капа болбойсуңбу? - Перизат аны карап ички ойун түз айталбаса да туйугунан айтты.

- Эмнеге?

- Кайдагы аты жыты жакындабаган бирөөнү багып жүрө бересиңби, өзүнчө кетип жашоосун өткөрсүн да?

- Оой секет десе, андай дебей жүрчү, буйруган оокат турат, бир бечараны боорума тартып колдон келген жакшылыгымды кылайын дегем да, анын оорчулугу деле жок Пери, эптеп көөнүнө жаккан кыз-келин болсо үйлөнтүш керек эле. Бечарага сооп иш кылсаң кайрымы болот жаным, антпей жүр, андан көрө жакшы келин-кыздардан тааныштырсаң боло!

- Эми кимди тааныштырам, өзү эркектей болуп сүйлөшпөсө, анын үстүнө жетим немеге эле кызын ким бере койот, ойлосоң сен.

- Жетим болсо эмне экен, сыйлаганды билет, эси, алы, күчү бар жаш жигит, күйөөдөн чыккан болсо деле иликтеп көрчү, мен эмки келгенде үйгө чакырып тааныштырып көрөлү.

- Көрөйүнчү, - деген Перизат ойлуу тим болду, ал азыр Айбекти башкалардан кызганып кетти: "жо-ок, мен Айбекти эч кимге бербейм, ал меники гана, атамдын кунуна келгемин мен. Ал күнөөлүү болбосо болгон жерине барып тынмакмын, эми ойлосом Ырысбекти жүрөгүм менен эмес, көңүлүм менен сүйүпмүн, бул сүйүү эмес, мен сүйүүгө эми гана кабылдым" деп мелтиреп калганда балдары кубалашып кирип келди. Ырысбек төргө жатып алган.

- Апа-а!

- Апо-ов! - дешип тизесине бири, бири жанына жармашып эркелеп калышкан балдарын ойлуу башынан сылай: "Мен балдарымды чын эле таштап кетемби, эгер алып кетсем Ырысбекке жаман болот, намысынан өлүп да калышы мүмкүн" деп ойлогондо селт этип кетти. Бирок бул учурда Айбек башкача план ойлонуп жаткан. Ырысбектин жогору жактагы буудай орулуп жаткан жакка бараарын билди да аны жайлап салууну ойлоп жатты. Коктуларга айдалган буудайды оруп жүргөн комбайндарды алыстан карап туруп: "Сени билгизбей жоготомун, өлүгүң табылбай кала турган болот" деп үйгө келди. Бул кезде Ырысбек уктап жаткан. Унчукпай отуруп калганда Перизат дасторкон жайды. Үнсүз отуруп тамактанды да кайра эшикке чыгып кетти.

Ырысбектин кеткенине үч күн болгон. Айбек оңутун таба албай эси-дарты аны жок кылууда болуп туруп алды. Төртүнчү күн дегенде кечке маал жолго чыгып бара берди, жөө бир топ алыс болчу, колоттордогу комбайндар күрүлдөп иштеп жатат. Алардан өйдө өтө бергенде бийик жарга жакын машина турган, анын жанында Ырысбек эки колун чөнтөккө салып ары бери басып турат. Шофёру Медетбек майы түгөнүп калып айылга кеткен. Ырысбек аны күтүп туруп эки жакты карап койот, жарды эңкейип карап койду, ошол жар атам замандан бери тургандай, ал жардын этегинде машина өтөт. Таштар кулап жолго түшүп турчу. Ырысбек Айбекти көрүп таңгала карады.

- Эмне болду, тынчылыкпы?

- Тынчылык эле, жөн эле жер көрүп анан сенин иштеген жериңди көргүм келди.

- Аа-а, - деп койду Ырысбек, - Көрсөң абыдан кооз, жыпар жыттуу, чөптөр да бышып ээн талаанын өзүнчө сулуу көрүнүп турган чагы, машинанын майы түгөнүп калып жолдо калдык.

- Качан кетти эле?

- Жанараак эле кетти, бир эки саатта келет го, эеригип турдум эле. Жардын үстүнө чыгып төмөн карашты. Бир аз турган соң кайра бери бурула бергенде Айбек аны түртүп жиберди эле, ал жардан кулап кетпей четине жыгылып кетти, эч нерсе ойунда жок Ырысбек:

- Айбек, бул эмне кылганың? - деди.

- Эчтеке эмес, жөн гана ойноп жатам! - Айбек кытмыр күлө аны буту менен тепмек болгондо шамдагайлык менен тура калып экөө мушташып кирди: "Баары бир жеңе албайм, экөөбүз алышып жатканда бирөө көрүп калбасын" деген ойдо эки жагын карана Айбек жерден таш ала койуп уруп калды, таш чыкыйына тийгенде Ырысбек жыгылып өзүн жоготуп койду, ошол убакта ылдыйтан машинанын чаңы көрүнүп шашып калган Айбек Ырысбекти жардан ыргытып жиберип калың өскөн шыраалжындын түбүнө жатып алды. Машина келип шоопур түштү да майын куйуп, Ырысбекти эки жактан карап көрүнбөгөндөн кийин кетип калган го деп ойлоп айдап кетип калды. Айбек эки сааттай күүгүм киргиче жатып анан шашылып жөнөдү. Ал келгенде Перизат жатып алган. Өзү кылдыратып тамак ысытып ичкендей болду, анын ар бир кыймылын байкап жаткан Перизат кыймылдабай жата берди, бир кезде анын төшөгүн акырын ачып жанына кирди.

- Айбек ордуңа бар, балдар ойгонот, - Перизат шыбырап түрттү.

- Өзүң жаныма барасыңбы?

- Ооба, өзүм барам, жата турчу.

- Болуптур, жинди кылбай эрте бар! - Айбек өзүнүн ордуна төркү бөлмөгө кирип кеткенде Тилек "ата-а!" - деп чоочуп ыйлап жиберди.

- Тику, сага эмне болду уулум? - Карбаластай түшкөн Перизат ага үйрүлө калды.

- Атам, атам.. . - дей берди бала уйкусурап.

- Атаң эртең келет балам, уктай гой, - Перизат уулун өпкүлөп тынчтандырып көпкө жатты. Бирок негедир бала кайра-кайра эле аталап жакшы уктай албай Перизатты бошото койбоду. Айбектин жини келип: "Атаң эртең келет, келгенде өлүгү келет шашпа" деп ичинен ага өчөшкөнсүп Перизат менен боло албаганына жини келип атты: "Балдары турса мага көңүл буруп койбойт го, мунун балдарын да өлтүрүп салыш керек, ошондо гана баарын унутат" деген ойго да келди, бирок анте албасын билди. Эртеси таң атпай колхоздун башкармасы киши жибериптир.

- Ээй Ырысбек, Ырысбек! - деп кыйкырганда Перизат чыга калды, - Ырысбек үйдөбү?

- Жо-ок, ал үйдө эмес, кеткенине бир жумадай болбодубу?

- Анда кайда кетти, кечээ кеткен турбайбы?

- Кайта кетет, келсе үйгө келет эле го? - Перизат жүрөгү болк этип алды: "башка жакка барчу эмес эле, балким бирөөнү таап алды бекен, андай болушу мүмкүн эмес" деп үндөбөй калганда:

- Мейли, мен барайынчы, балким балдар менен жүргөндүр, - деп койуп атынын башын буруп бастырып кетти. Перизат ойлуу үйгө кирди, бирок тынч ала албай балдарын тургузуп, үйүн жыйып койуп күндөгү жумушуна алаксымак болду, бирок кызыктай болуп көңүлү тынчыбай туруп алды. Айбек жумушуна жөнөмөк болгондо ал:

- Ырысбекти ким издеп келди? - деди.

- Ооба, ал кечээ кеткен имиш.. .

- Аа-а, - деп койуп басып кетти, кетип баратып: "жаны таштан болсо да өлдү го, менден ким көрмөк эле, ал өлсө мен ушул бойдон эле калып калам" деп ойлонуп жумушуна эми жеткенде машина менен келаткан бир чоочун адам токтото калып:

- Сен Ырысбектин үйүндө турасыңбы? - деди.

- Ооба, эмне болду?

- Ырысбекти кечээ бирөөлөр сабап жардан түртүп ийиптир, ооруканаага алып баратабыз, үйүнө айтып кой! - деди да кайра жүгүрүп кетти.

- Макул, - Айбек дендароо болуп туруп калды: "демек өлбөптүр, эсине келсе баары бир айтат, эмне кылсам экен, шашып калдым да" деп ыргылжың боло артына карай басты. Анын кайра келгенин көргөн Перизат шашкалактай:

- Деги кабар барбы, жумушуна барыптырбы, - деп сурады.

- Жо-ок, - Айбек бир аз токтоло калып, - Ырысбекти ооруканаага алып кетиптир! - деди.

- Эмнеге, ага эмне болуптур?

- Ошону биле албадым, сага айтып койойун деп эле кайра келе бердим.

- Ай кудай ай, ага эмне болду экен, деги аман эле болсо болду, кой мен ага барайын, - деп шашып бушуп үйгө кирип кийинди да жолго чыкты, - Районго алып кеттиби же бул эле жергеби?

- Аны айткан жок, болгону ооруканаада болоорун айткан.

- Эми кимден билем, мейли биерге барып көрөйүнчү, болбосо районго барам, - деп короодон чыкканда Жоробай келип калды.

- Перизат, Ырысбекти бирөөлөр кечээ уруп кетиптир, райондук ооруканаага алып кетишиптир! - деди дароо көрө сала.

- Деги жакшы эле бекен аке?

- Билбейм, кудай сактасын эми, кудай деп барып көрөлү, сен камынып тур, мен машинаны айдатып келе койойун, - Жоробай шашыла үйүн көздөй жөнөдү. Перизаттын жүрөгү опкоолжуп атты: "Ким урду, ким менен өчөштү экен, андай болсо мен билет элем, болду болбоду кечээ Айбек кылды, аябай кеч келген эле, эгер баарын билсе айтат" деп ойлонуп балдарын коңшусуна дайындап койуп күтүп турганда машина келип калды. Алар келгенде Ырысбектин бети башынан тамтык жок шишип, көөп, эчтеке билбей жаткан экен. Перизат үстүнө түшө калып ыйлап сыктаганда врач:

- Болду, азыр буга тынчылык керек, көп эле ыйлай бергенде эч нерсе өзгөрбөйт, бара бергиле, - деди.

- Жанында болсом болбойбу?

- Кереги жок, ансыз деле эч нерсе сезбейт, бир аз өзүнө келсин, башына катуу бир нерсе тийген окшойт, - деди.

- Эмне болот анан, жакшы болуп кетеби? - Перизат үрпөйө сурады, анда өлүп калабы деген коркунуч турган эле.

- Азыр эч нерсе айталбайбыз.. .

- Мен карап эле турсам болбойбу?

- Жок, бара бергиле, эртең келсеңер болот.

- Мейли, эртең эрте келели, кудай жар болсун, амандыгын тилейли балам, балдар да ыйлап калбасын, кете берели, - Жоробай Перизатты карады.

- Жанында болсом жакшы болот эле. . . - Перизат ыйламсырай врачты бир, кайнагасын бир карады.

- Тынчыраак жатсын, эч ким көрбөгөндө жаман болмок, дагы жакшы убагында келди, аракетибизди аябайбыз. Жоробай алдыга басып баратып:

- Жакшылап карагыла балам, колуңарды кур койбойбуз, эмне болсо да аман болсо болду, - деп ылдам басып жөнөгөндө Перизат анын артынан басты. Үйгө келсе Айбек балдар менен отуруптур.

- Кандай жакшы бекен? - Ал көрөөрү менен сурады.

- Кайдан, эчтеке билбейт, - Перизат аны көргүсү келбей кыска жооп берип отура кетти.

- Апа, атам качан келет? - Гүлзана апасынын жанына отуруп алып сураганда Тилек да:

- Бүгүн келеби атам? - деди.

- Ишинен бошобой жатат балам, келип калат, - Перизат ордунан туруп балдарына тамак жасамак болуп ишине киришти. Тамагы бышып ар биринин алдына муздатып берип тойгузду, Айбек үн катпай отуруп ичти да бөлмөсүнө кирди. Ал: "Эгер эсине келип мени айтса эмне болоор экен, ушундайда качып кетип калсам бекен, өлтүрө чапканга жетишпей калбадымбы, же тийбей эле койбой" деп өзүнчө ойлонуп жатканда балдарын уктатып койуп анын үстүнө кирди да:

- Айбек, бул сенин колуңдан эле келди, ачыгыңды айт, анын өчөшкөн адамы жок болчу, аны эмнеге урдуң? - деди ачуулана.

- Перизат, сен эмне деп жатасың, мен Ырысбекти урайын деп ойлогон да эмесмин!

- Актанба, эгер уруп, өлтүрмөк болгонуң чын болсо тез бул жерден кетип кал, мен да эч нерсе билбегендей болойун, - Перизат ага чын ойун айтты, - Өзүң менен кошо мени дагы эл журтка шерменде кылбай кетип кал!

- Мен сенсиз эч жакка кетпейм!

- Кызык экенсиң, менин жаш балдарым турса, эрим тигинтип бир абалда жатса сени ээрчип кетчү айбан аялды тапкан экенсиң, эгер тынч кетип калбасаң милицияга өзүм барам!

- Эмне деп барасың? - Айбек аны кытмыр күлө карады, - Далилиң барбы, же мени менен жатып жүргөн деп айтасыңбы?!

- Мени коркутуп жүргөн деп айтам!

- Эй катын, көзүңдү чо-оң ач, - Айбек аны ээгинен кармап алып өйдө кылды, - Кана азыр жөнө, Ырысбекти өлтүрмөк болгон мен болчумун, таап айттың, керек болсо эми дагы өлтүрүп койом!

- Өлтүрө албайсың!

- Азыр өлтүрөм, керек болсо сени, балдарыңды бир күндө кырып кетем!

- Айбек!!! - Перизат үнүнүн барынча кыйкырып ийди.

- Апа-а! - Тилек чоочуп ойгонуп ыйлап ийди. Перизат жетип барып сооротуп атты:

- Уктай гой берекем, уктай гой, - Мууну калчылдап коркуп атты. Анан ойуна бир нерсе түштү: "Муну алдап бир жакка кетирейин, антпесем болбойт, бүгүн унчукпай эле койойун, шерменде болбосом экен" деп баласын кучактап жатып үргүлөп кетти. Түш көрүп жаткан экен: "Ырысбек бир бутунан аксап өзүн кубалап келатат, жини келгендей түрү бар, бир кезде жанында Айбек пайда болуп колунан кармап алып кайдадыр кетип жатат, боз талаа, тикендүү талаада экөө кетип жатса Ырысбек кайра алдынан көрүндү: "Кайт артыңа Перизат, балдарды ойлон!" дегенде ойуна эки баласы түшүп токтой калды". Андан кийин билбейт, ойгонуп кетсе аны Айбек түртүп ойготуп жатыптыр.

- Эмне? - Көзүн алайта карады.

- Тур сүйлөшөбүз.

- Эмнени сүйлөшмөк элек?

- Турсаң эми! - Колунан тартканда Перизат акырын турду да анын жетегинде тиги бөлмөгө кирди.

- Эмне сөзүң бар, айт тезирээк!

- Адегенде жатабыз, эркелешебиз, анан сүйлөшөбүз, - Айбек аны өзү чечиндире баштады: "Өзүмө чала, эми баш тартып кайда барам, мурун эле кетирип ийгенде болмок, жакшылык кылам деген өзү, акыркы убакта жакшылыкты билген адам барбы?" деп жүрөгү түшүп жашоодон үмүтүн үзүп койду. Айбек моокуму кангыча тирүү калгандан түңүлүп тырпырап, карышкырдын алдында жаткан бөдөнөдөй коркуп жаткан Перизатты уйпалап бүтүп чалкасынан түшүп жатып калды. Перизат бул жолу эч нерсе сезбегендей нез болуп турду.

- Айбек, мени өлтүрсөң мейли, балдарыма, күйөөмө тийбе, күнөөнүн баары менде.. .

- Ха-ха-ха, - Айбек каткырып күлүп ийди, - Мени киши өлтүргүч деп турасыңбы?

- Өлтүрөм деп өзүң айтпадыңбы?

- Ачуума тийсең айтам да, коркпо мен эч кимди өлтүрө албайм, Ырысбектин жакшы болуп кетишин күтөлү ээ? - Ал аны кучактап өөп койду.

- Анын жакшы болушун күткөндө эмне, сен бир жакка кете турбайсыңбы?

- Кызык, дал Ырысбек бирөөлөр аркылуу жабыр тарткан кезде мен кетип калсам менден көрүшпөйбү?

- Мм, - Перизат унчукпай калды: "Туура айтат, мен бекер эле айтсам керек, эгер мунун колунан келсе коркуп качып кетмек" деп ойлуу жатып калды. Айбек аны бекем кучактап алганынан козголо албай жата берди, ал улам аны мойну башынан жыттап, жүзүнөн өөп үнсүз жатканда, - Айбек, мен сага ыраазымын, сен эми биздин жашообузга аралашпа, Ырысбек жакшы болуп кетсе сен акырын кетип кал, мен башы бош аял эмесмин.. . - деди.

- Андай болбойт, мен сени сөзсүз алып кетем.

- Койсоңчу кудай жалгагыр.. .

- Койбой эле.. .

- Мен элге шерменде боло турган болдум, Ырысбектин пейли кенен, адамдардын баарын өзүндөй көрөт. Эч бир арам ойду ойлобойт. Болбосо килейген эркекти өзү үйгө койуп койуп кам санабай жүрө бергенин көрбөйсүңбү, бир тууганы же көздөй жакыны болбосо ойлобойбу.. .

- Чынында абдан жакшы жигит, көл да, пейли кенен, боорукер.. .

- Ошону билип жакшылыкка жакшылык менен жооп берсең болмок.

- Бул жерде Перизат жалаң менин күнөөм эмес, экөөбүздүн тең күнөөбүз бар!

- Эмне-е? - Перизат башын көтөрө аны карады, - Бу сөзүң менен эмне демекчисиң?

- Туурасын айттым Перизат, сенин күнөөң мени жактырып калганың, мен Ырысбек айыгып келсе ошентип эле айтам, өзү жабышты, мени жакшы көрөөрүн айтып мени жарга такады дейм!

- Бети жо-ок! - Перизат ыйлап жиберди, - Эркектер ушундай да боору таш болосуңарбы?

- Эркек эмес аялдар ошондой болосуңар, өзүңөр азгырып алып көз жашыңар менен актанганга устасыңар, - Айбек күлүп алды, - Же калп айтамбы, сен мени азгырдың, көзүмдү күйгүздүң!

- Бети жок, абийирсиз азыр өлтүрүп салчы деги мени, ушинтип кантип жашайм, өмүр бойу анын алдында өзүмдү күнөөлүү сезип жүргөнчө.. .

- Күнөөңдү билип, сезип турган бул жакшы сапат.

- Кудай ай, деги кандай күнгө туш болдум экен, эми Ырысбек жакшы болуп кетсе экен.

Экөө көпкө чейин чекишип, айтышып жатып анан Перизат туруп кетип балдарынын жанына жатып уктап калды. Көзүн ачса күн көтөрүлүп калыптыр, шашып турду да чай койуп, балдарын тургузду, ошол убакта Жоробай менен Уялкан келип калды. Балдарын салып алып кетмек болуп: "Айбек дале уктап жатабы" деп караса ал эбак кетип калыптыр. Үйүн бекитип ооруканага жөнөштү. Алар келгенде врачтар Ырысбек жаткан палатада дүрбөп жүрүшүптүр, алаңдап жетип барышса ал эс учун билбей жулунуп жатыптыр.

- Мени балдарым күтүп жатат, койо бергиле, мени күтүп жатат! - Перизат жетип эле кармай калмак болгондо ал аны чаап жиберди, - Жогол мен балдарыма барам!

- Ырысбек, менмин, мени жакшылап карасаң, мен Перизатмын! - Перизат анын чапканына кайыл боло ыйлап жанында турду, - Ырысбек эсиңе келчи!

- Ким? - Ырысбек көздөрүн алайта аны делдейе карап калды.

- Мен Перизатмын мына карачы балдарын келди!

- Ыя?! - Ырысбек аларды бир саамга карап туруп кайра эле, - Койо бергиле мени, балдарым күтүп калды! - деп жулунганда аны кармап туруп укол сайышты. Бир аздан кийин ал унчукпай калды да уктап калды. Жоробай сыртка чыгып каңырыгы түтөй:

- Кандай гана балээ болуп кеткенин билбей калдым да, кайсы кудай ургандар ушуга барышты экен? - деп көз жашын сыдырып алды, - Деги жакшы болуп кетээр бекен? - Анан кайра палатага кирип врачтан сурады.

- Үмүт аз, жакшы болуп кеткен күндө да ушундай абалда калат.. .

- Даарылаганга да болбойбу?

- Эми али дарылоону жаңы баштадык, балким түзөлүп кетээр, алдын ала айта албайбыз!

- Жараткан ай жаркылдап бирөөгө зыяны деле жок эле, кайсы кан кускурдун колунан келди экен? - деп кайра чыкты. Перизатты ээрчитип жазып берген даарыларын алганга жөнөдү. Ал күнү да эч майнап болбоду, деле алганы оордой, эч нерсени сезбей жатты, бетинин шишиги тараганы менен жарааттары карттанып башынын таңуусу алына элек. Перизат аны көрүп жүрөгү сыздап ыйлап-ыйлап үйүнө кетти: "Жаман айтпай жакшы жок" дегендей эмне болуп кетет деп ойлоп эки жагын жыйыштырды. Көңүлү тынбай балдарын ээрчитип алып Жоробайдыкына барды.

- Кел Перизат, кел, - Уялкан аларды жаркылдай тозуп алып балдарын өөп үйгө киргизди, Келгиле айланайындарым десе, ырысыңарга атаңар жакшы болуп кетсе экен, - келининин көңүлүнө карап кабатыр боло сүйлөдү.

- Отур балам, кудай деп туралы, калганы кудайдан, - Жоробай кейий келинин карады, - Кудай кулум десе сакайып кетет.

- Аке, - Перизат кайнагасынан ыйбаа кыла карады, - Аке эгер булардын колунан келбесе Фрунзеге эле алып кетпейлиби?

- Ыя? - Жоробай ойлуу карады, - Фрунзеге?

- Антпесек болбойт го, минтип жата берсек убакыт өтө берет да, дарылоону эртерээк баштаса сакайышына жакшы эле.. .

- Туура айтасың, ушул акыл башыма келбептир да, эртең мен мал сатайын дагы врачка сүйлөшөйүн, - ордунан туруп отурду да, Гүлзананы өзүнө чакырды, Тилекти бир тизесине отургузуп алып, - Атаңар жакшы болуп кетсе экен, буйруса чоң доктурларга алып барабыз, - деди да бир нерсени ойлонгондой бир аз отуруп:

- Уял, балаңды тургуз, мен тиги Орунбайдан акча сурайын, анда акча үзүлчү эмес эле, болсо менден аячу эмес эле.. .

- Ал уктай элек, телевизор көрүп отурат.

- Анда биз жөнөйлү, - Жоробай туруп сыртка чыкты. Элмирбекке машинаны айдатып алып жөнөдү, ойлогондой эле андан сураган акчасын алды да эртеси эрте туруп ооруканаага келип палатага кирип барышса Ырысбектин кислородун алып койушуптур, сестра аларга:

- Буйруса жакшы, түндө бир нерселерди сүйлөп жөөлүп чыкты, азыр тынч алып калды, эртеңден көзүн ачып калат, - деди эле Жоробай менен Перизат, Уялкан, Элмирбектер бир бирин карап калышты. Аңгыча врач келип:

- Куттуктайм, иниңиздин сакайып кетээрине жүз пайыз кепилдик берем! - деп Жоробайдын колун силкилдетти.

Кудай жалгасын силерди, колуңардын берекесин көргүлө, ылайым жамандык көрбөгүлө, - Жоробай сүйүнгөнүнөн үнү каргылдана көзүнүн жашын аарчый жанындагыларды карады, - Уктуңарбы, уктуңбу балам?! - деп кудуңдап Перизатты карап, - Ырысыңар бар экен айланайын, Ырысым жакшы болуп кетет экен!

- Ошентсин, ылайым эле өзү менен өзү болсо экен, балдарынын күнү күчүн көрүп бактылуу болсо экен, өмүрү узун болсун садага, - Уялкан дагы көзүн жаштап алды. Перизат болсо оозуна сөз кирбей кубанганынан шолоктоп ыйлай берди, сестра укол сайып кеткенден кийин анын жанына өзү отурду, эч нерсе сезбей жаткан Ырысбектин колунан кармалап алып:

- Ырыс, Ырысым менин, балдарың эки-үч күндүн ичинде сенсиз томсоруп кетти, тезирээк эле сакайып чыгып келсең экен, сенсиз биздин жашообуз караңгы түнгө айланаарын билесиңби, айрыкча кызың сени сурай берип кыйнады, ооруп сакайгандай болбой ойноп жүргөндөй болуп үйгө барсаң үйүбүзгө майрам болсунчу.. . - Көз жашын аарчый колун анын жүзүнө алып барды, чекесиндеги тердеп уйпаланган чачтарын сылап, жаагына жаагын тийгизип, - Биз сени менен гана бактылуубуз Ырыс, көзүңдү аччы, мени карачы! - деди. Ошол кезде ага кыймыл киргендей болду, көзүн зорго ачып кайра жумуп жатып көптө барып башын акырын Перизат жакка бурду, Перизат:

- Ырыс, Ырыс жакшы болуп калдыңбы, өзүңдү жакшы сезип жатасыңбы? - деп үнүн катуулата чыгарганда колидордо тургандар кирип келди.

- Эмне көзүн ачтыбы? - Жоробай бир жагына туруп алып чекесинен өптү, - Айланайыным, ушунуңа миң мертебе ыраазымын, жалгызымды кайрып бере гөр жараткан!

- Айланайын Ырыс, жакшысыңбы садага? - Уялкан бир жагынан ыйлап кирди. Ырысбек аларды жалдырай караган менен үн чыгарып сүйлөй албады. Ошол учурда врач келип:

- Көп турбагыла эми гана өзүнө келип жатат, өзү кыйналып турганда силер минте берсеңер кайра жаман болот, - деди эле, Жоробай ага:

- Эртең кичине сүйлөп калабы? - деди.

- Аны алдын ала айтыш кыйын, азыр биз кыймылдап, жүрөгү нормально кагып калганына гана кубанып жатабыз, демек жашайт!

- Ошондой эле болсун.. . - Жоробай кайра врачка кайрылды, - биз муну Фрунзеге алып барсакчы?

- Эки күн мурун алып барам десеңер каршы болмок эмесмин, эми үмүт бар, жакшы болуп кетет, демек эми эч жакка алып баруунун кереги жок!

- Ма-акул, кудай колуңарга кубат берсин, ылайым колуңардан эчендеген оорулар сакайып, алкышка арзый бергиле! - Жоробай врачтын колун кармап өөп ыраазылыгын билдирди. Ал күнү дагы үйлөрүнө кетишти. Айбек Перизаттан Ырысбектин көзүн ачканын укканда жүрөгү шуу деп алды: "Демек кетишим керек, эгер ал өзүнө келсе айтып койушу мүмкүн" деп ойлогон менен анын бир ойуу. "Шашпа, дагы байка, азыр коркоктук кылып качканда кайда барасың, али эч нерсе боло элек го" деп өзүн тыя сооротуп жатты. Перизат кубанычтуу балдары менен божурашып:

- Атаңар аман-эсен сакайып келсе силерди эркелетип, ар дайым жаныңарда болот, уктуңарбы садагаларым, ырысыңар бар экен!

- Атам эртең келеби?

- Атама эмне болду эле, сиз атамды иштеп жүрөт дебедиңиз беле? - Гүлзана апасына кабатыр болгондой карады, - Мен укпадымбы атамды бирөө уруп койуптур го? - Ушул учурда Айбек кирип келатып сырткы босогодо туруп калды.

- Кызым, урган кишини кудай урсун, атаңдын эч кимге зыяны жок, жамандык кылгандар жазасын алат кызым, эми атаң жакшы болуп үйгө келет.

- Ошолорду жазалайбы кудай? - Тилек түшүнбөсө да сурап койду.

- Ананчы, момун адамды кордогон адам жазасын тартат, силер экөөңөр тең адамга жамандык кылбагыла, боорукер болгула макулбу? - Перизат экөөнү эки жагына кучаткап алып ыйлап отурду: "мен бул үйдө Ырысбек келмейинче бир мүнөт турбайм, Айбектин бул кордоосуна чыдай албайм" деп ордунан турду да балдарын кийинтип алып атасынын үйүнө жөнөдү, ал эптеп Айбектен өзүн ала качмак болгону эле.. .

Ал уулу менен кызын колунан ала чыгып келатканда Айбек колдон кармап калды, Перизат чоочуп кетти, каалганын артында турган Айбек ага карабай туруп:

- Каякка жөнөдүң? - деди.

- Акем чакырыптыр, барып келейин.. .

- Балдарды таштап барып кел.

- Жо-ок бүгүн келе албайм, балдарды алып алайын.

- Барбайсың! - колунан бекем кармап үйгө карай түрткөндө Тилек бакырып ийди, Гүлзана дагы апасынын этегинен кармай ыйлап:

- Апамды койо бериңизчи аке, кармабаңызчы апамды, - дегенде ал эки баланы акырая карады да койо берди. Перизат үн дебей балдарын ээрчитип басып кетти. Айбек турган жеринде кала берди. Ошол бойдон Перизат үйүнө келбеди, агасы менен апасынын сураган суроосуна:

- Балдар менен үйдөн коркот экемин, Ырыс жакшы болуп калса жанында болсом булар үйдө кароосуз калат, - деп койду.

- Ырас эле, үйдө жалгыз калса ачка, ток болуп калышпасын, - Энеси Айнагүл ойлонуп калышты. Эртеси агасы Тейитбек карындашын салып алды да ооруканаага келди. Айнагүл кызы, баласы болуп киргенде Ырысбек көзүн ачып жаткан эле. Ал азыр деле өзүнө келе албай нез болуп жаткан. Алар кирип эле аны тегеректеп ал абалын сурап калышты. Ырысбек үн дебей эле жалдырап карап жата берди, Перизаттын көз жашы көл болуп турду. Көптө барып Тилекти, Гүлзананы көрүп:

- Келчи уулум.. . - деп зорго шыбырай башын саал көтөрө, - кызым, кел, келе гой, - деди.

- Ата-а!

- Ата-а, дешип экөө ага жармашканда Айнагүл:

- Алда-а айланайын ай, ушуларды сыздатам дегендер сыздап эле калышсынчы-ы, - деди көзүнүн жашын тегерете, - Тилек, Гүлзана, атаңарга өтө жакын болбой берээк болгула садага, тиги ийнесине тийесиңер.

- Кандай Ырысбек, жакшысыңбы? - Тейитбек анын маңдайына келип эңкейе сурады.

- Жаныбек-акшы-ы, - Ырысбек башын ийкей алсыз шыбырады, - Жакшы.

- Ошент айланайын, балдарың менен аялыңдын ырысына аман-эсен сакайып кет, - Айнагүл күйөө баласына чын дилинен жакшылык каалап атты:

- Ырыс, өзүңдү жакшы сезе баштадыңбы? - Перизат анын жүзүнө үңүлө калып сурады. Ал башын гана ийкеп койду. Ошол убакта Жоробайлар келип калды. Жоробай инисинин чекесинен өөп:

- Жакшысыңбы балам? - деп сурады, ал башын гана ийкеп көзүн сүзүлтө жумуп баратты.

- Ырыс, Ырысбек! - Перизат коркуп кыйкырып жибергенде кайра жүзүн ачты, сырттан сестра кирип келди.

- Мынчалык топурабагыла, өзү зорго жатса силер ого бетер көңүлүн айнытып жатпайсыңарбы! - деди эле алар тура жөнөштү. Сыртта көпкө сүйлөшүп туруп анан Жоробай Перизатты өз үйүнө алып кетмек болду.

- Ырысбек сакайганча үйдө эле бол балам, үйүңдөгү досу жашап турат, баса ал эмнеге келип ал-абалын билип койууга бир келип койбоду? - дегенде Перизаттын башы өзүнөн өзү шылк эте түштү, бирок өзүн кармай:

- Билбейм.. . - деди.

- Ошондо бир сыр бар.. . - Жоробай ушинтти да машинага балдарды отургузуп алып, - Кел отур балам кетели, кечке маал дагы келип кетебиз, - дегенде унчукпай отуруп алар менен кете берди.

Бара бара Ырысбек аз-аздап сүйлөп өзүнө келе баштаганда эки милиционер келип андан сурай баштады эле:

- Мен эчтеке билбейм, көргөн да жокмун, ары карап тургамын, желкеге койгондо өзүмдү жоготуп койдум, - дегенден башка айтпады. Эч илинчек таппаган милиционерлер андан кийин дагы бир эки жолу келип оңдуу жооп алалбагандан кийин келбей калышты. Ал жакшы болуп калганда чыгарып келип түлөө өткөрүштү. Айбек бул учурда дайыны билинбей жумушунан чыгып кетип калган эле. Ырысбек анча сүйлөбөй өзүнчө эле жүрө берчү болду. Перизат ага үйрүлүп түшүп тамагын күчтүүлөп берип жанында. Ал балдары менен сүйлөшөт да Перизатка такыр карабай калды. Ан сайын кыжаалат болуп чүнчүп баратты Перизат. Ырысбек өзүнө толук келе албай болгон окуяны эстей албай жатты. Ар жума сайын врачтарга барып көрүнүп дарыланып үч айдан өттү. Перизат арыктап бүтүп калды. Врачтар:

- Таза абада көбүрөөк болгону жакшы, аны капалантпагыла, акырындап баарын эстейт, кадимкисиндей болуп кетет, - дешкендиктен балдары менен ээрчитип машинага салып алып Жоробай ар жакка алып барат, ээн талааларга эс алдырып келет. Андайда балдары менен көңүлү ачык ойноп жүрө берген менен негедир туруп, туруп эле ойлуу бир нерсени эстей албай кыйнала берчү болду. Бир күнү жайлоого алып бармак болуп кетип атышканда ал баягы жардын жанына келгенде:

- Токтотчу аке, - деди, машина токтоору менен түшүп жар башына келип бир топко басып жүрдү да кайра келди да Перизатты карап, - Айбек кайда кеткен? - деди. Перизаттын жүрөгү шуу этип, эмне дээрин билбей калды, көздөрү чакчая аны караган бойдон:

- Кайда кеткенин билбейм, - деди мууну билинээр билинбес калтырай.

- Жерге кирип кетсе да табам! - деп машинага отуруп, - Айдаңыз үйгө кетебиз, - деп буйрук кыла сүйлөгөндө эч кимиси үн деген жок. Рулда отурган Тейитбек гана:

- Аке, жайлоодо бизди күтүп жатышпайбы? - деп күзгүдөн карап сүйлөдү.

- Күтсө күтсүн, мени үйгө жеткирип койуп анан бара бергиле.

- Ырыс кой, уяттуу киши күтүп жатат, кой сойуп күтүп жатпайбы? - Жоробай акырын айтты.

- Сиз бара бериңиз, биз үйгө эле баралычы, башым ооруп чыкты, - дегенде үндөбөй калышты. Тейитбек артына кайрылып айдап алардын үйүнө токтоп түшүрүп койуп өздөрү да кошо үйгө кирди. Ырысбек эшикте көпкө басып жүрдү. Эч кимиси үндөбөй көпкө отурду да кетүүгө камынышты. Анткени Ырысбектин эч ким менен сүйлөшкүсү келбегенин сезишти. Жоробай кетээри менен үйгө кирди да:

- Сен баягыда эмнеге Айбекти кетир дедиң эле? - деди Перизатка карап.

- Артыкбаш бирөөнүн кереги эмне, же жакын тууганың болбосо ошого жиним келген, бирок сени сыйлап унчуккан эмесмин, - Перизат токтолбой жооп берди.

- Ал неге үйдөн кетип калды?

- Кайдан билем, кызыксың го, мен сен ооруканаага жаткандан кийин эле акемдердикине кетип калгам, бойдок эркек үйдө жүрсө, сен ооруп жатсаң эл ушак кылабы дедим да.

- Сен бултуңдап жатасың, бул экөөңдүн кеңешип жасаган ишиңер, мени өлтүрүп койуп билинбей калса ээн эркин жашагыңар келген да ээ? - Ырысбектин өңзү кубара, ачуусу келгенинен мууну калчылдап кетти.

- Ырыс, эмне деп жатасың, койнуңда жатып, балдарды төрөп берген, ыйлап сыктап өмүрүңдү тилеген аялыңдан ушунчалык арам ойлойсуңбу?

- Арамсың! - дегенде ачык турган эшиктен кирип келген Айбек Ырысбекти карылуу колдору менен муунта баштады. Ал кыркырап баштаганда Перизат эси оой делдейип эмне кылаар айласын таппай эки жагын элеңдей карап, үбөлүктү көрдү да ала койуп Айбекти бир чапты, ал сендиректей жыгылып кете жаздап оңолду да Ырысбекти түртүп ийип Перизатты колунан сүйрөй сыртка жөнөдү. Гүлзана менен Тилек ызылдап ыйлап жатты:

- Эл журт, жардам бергиле, жарда-ам! - Перизат үнүнүн болушунча бакырып атты. Айбек аны жолдо турган машинага тыгып салды да жүрүп кетти. Ырысбек бир топко барып эсине келди. Ызылдаган балдары сыртта кыйкырыктан чогулган элдин ичинде ыйлап жатышты, он чакты аял, эркек келип Ырысбекти тургузуп отургузду.

- Ата, апамды алып кетти, апамды алып кетти! - Тилек соолуктап ыйлап жатты.

- Ата, эми апамды жибербейби, апам эмне болот? - Гүлзана андан бетер кой дегенге карабай шолоктойт. Ырысбек үн деген жок: "Тузу арам энеңди, көрсө Перизатка асылып жүргөн экен, жерге кирип кетсең да табам" деп ичинен түтөп отурду, сыртына чыгарып сүйлөбөгөн менен өңүнөн ачуусу келгени билинип эле турган. Коңшуларынын жардамы менен Ырысбекти балдары менен Жоробайдыкына жеткиришти. Алар үрпөйө тозуп алды:

- Эмне болду кокуй? - Сыртка чыга калган Уялкан үрпөңдөй Тилекти көтөрүп ала койду.

- Апамды Айбек акем алып кетти, өлтүрөм деп алып кетип калды! - Тилек балп эттире айтканда Жоробай таң кала Ырысбекти карады, анын өңү бузулуп турганын көрүп кайра:

- Киргиле балам, киргиле, - деп өзү баштап үйгө кирди.

- Карангүн ай, эми эмне болот: "Киши арыгын сактасаң башың кандайт, мал арыгын сактасаң оозуң майлайт" деген ушу да, - Уялкан күңкүлдөй дасторкон жайып өзүнчө наалып атты, - Кайдагы динсизди киргизип алдың эле балам, деги азапты тарта турган болдуң го?

- Болду, көп сүйлөбөй отур, балдардын кардын тойгуз дагы төшөк салып жаткыз, Ырыс дарыңды ичип аласыңбы? - деп Ырысбекти карады. Ал жер карап үңкүйүп отурган жөн гана башын ийкеп койду.

- Тейитбекти айтып койбосоң болбойт го, кокус өлтүрүп койсо балээ болуп сенден көрүп жүрбөсүн? - Уялкан аны көз кыйыгын жибере акырын карап койду Уял.

- Эчтеке болбойт, ошондой пландашкан чыгаар.. . - Ырысбек дулдуя күңк этти. Жоробай менен Уялкан эчтеке деген жок, тек тынч эс алсын деп төшөгүн салып берип койду. Ырысбектин көз алдында элес булас гана Айбек менен мушташып жатканы, анын өзүн таш менен чапканы тартылып түнү бойу кирпик какпады.. .

Перизатты артына түртүп салган Айбек:

- Ийи, эриң өлбөй калганы аз келгенсип эми сага кыйкырып жатабы, керек болсо мен аларды кырып койом! - деди.

- Менин эримдин өлүмүн тилегиче өзүңдүн өмүрүңдү тиле!

- Көп бейжайлана бербе, баары бир мен сени койо бербейм! - Перизат жин ургандай аны менен мушташа кетти, - Койо бер мени, балдарыма кетем!

- Үнүңдү бас Перизат, мен эми сени койо бербейм, андан көрө тагдырыңа көнбөскө чараң жок, - деп жанында турган суудан чыныга куйуп, Ичип алчы, чарчадың го? - деди. Ал суусап турган, адегенде колго чаап жиберди, суу анын бутуна төгүлүп кетти:

- Эн-неңди жалап, он бештеги кыздан бетер кылыктанбай ал ич! - Айбектин жини келип кетти, - Боор ооруса боорго тебет, - Кыйналбай жутуп ал! - Кайра жумшара түштү. Перизат суудан унчукпай жутту. Ал атайын уйкунун дарысы кошулган суу болчу. Кара терге түшүп ыйлап жатып анан уктап калды. Айбек шаардан атайын жалдап келген эле. Эптеп бир кемпирдин үйүн ижарага алып анан он күндөй жумуш издеп таап, кайра машина жалдап келген, шоопурга: "өзүмдүн аялым болчу, мени сүйөт, ата-энеси менин жетимдигимди билгенден кийин жашатпай жатат" деген эле. Мурунтадан эле бөтөлкөгө уйкунун дарысын кошуп даяр кылып алган, алышып жатып аны эстеп сууну бергенине жылмайып Перизатка карап алды. Аңгыча батирге жетип келишкенде аны көтөрүп алды да таксиден түштү. Ошондон кийин батирге Перизатты камап жумуша кетип кеч келет. Перизат урушуп да, чабышып да көрдү, эч арга болбоду, акыры тагдырынын салганына көнбөскө чарасы жок экенин сезди да Айбекке көңүл бура баштады. Арадан үч ай өткөндө эшигин ачык койуп Надяга дайындап койду, бирок ал качууну ойлогон дагы жок: "Акырындап көнөт да, кайда бармак эле, эми бойуна болуп төрөп берсе жашап кетебиз" деп Айбек Перизатка ишене баштады. Дүкөнгө же көчөгө чыгарбайт, кийим-кечесин, тамак-ашын өзү алып келип берет. Мындай жеке тордун ичинде кандай гана адамдар аргасыз өмүр сүрүп жатканы белгисиз, бирок азыркы кезде жоголгондордун он, жыйырма пайызы ушундай адамгерчиликсиз өзүмчүл бейоопалардын колунда кээси таптакыр мойун бербей, айтканына көнбөй апатка учурап, өлүгү табылбай калса, кээси амал менен качып, ал эми дагы бирөөлөр ар кандай жол менен кутулуп жатпайбы? Перизат унчукпай жашап калайын деди, бирок негедир өзүнүн жаңылганын, балдары менен күйөөсүн кыя албастыгын сезип улам күн өткөн сайын аларды сагына берди: "Көрсө муну жөн гана көңүл отун тутантып, убактылуу жакшы көргөн экемин да, мен кетишим керек" деген ойго токтоду. Кантип качуу керек" деп ойлосо жаны жай албайт. Бир күнү Айбек айлыгын алып батирине кубанычтуу келди.

- Перизат карачы, мен эмне алып келдим сага! - деп аны кучактап алып өпкүлөп жатты.

- Кана көргөзчү эми, жөн эле далбактай бербей, - деп аны өзүнөн оолактатып түртүп колундагыны көргүсү келгендей күлүмүш болду.

- Мен сага көйнөк, туфли алып келдим, эртең экөөбүз тоого ойноп келебиз, экөөбүз гана, бир таанышымдын машинасын бир күнгө сурадым.

- Ай-ий, укмуш го? - Перизат көйнөктү кийип кубангандай болуп көрүнгөн менен ойунда аны жек көрүп: "шашпа, сени өлтүрүп кутулбасам элеби?" деп ойлонуп жаткан. Эртеси айткандай эле тоого чыгышты. Тамак-ашты мол алып көңүл ачып отурган. Күн жаап ийгенде гана машинага кирип көпкө отурушту. Ошол күнү салган ак кайыңдын түбүндөгү аппак жоолугу делбиреп желге улам ары бери учуп Перизатка ого бетер жарашып турду. Алар жолдо келатканда жанында отурган Перизат:

- Мага машина үйрөтпөйсүңбү, айдаганды жакшы көрөм, - деди.

- Ма-акул жаным, кел алдыма, - дегенде ал жол бойундагы кыркаа кеткен дүпүйгөн талдарды, анын жээгиндеги суу агып жаткан чоң арыкты көрдү: "Сенин өлөөр кезиң, балким мен дагы өлөөрмүн, тобокел эгер өлбөсөм балдарымды бир көрөөрмүн жок дегенде" деп:

- Сен биякка кел, мен рулга отурайын, - дегенде Айбек макул болуп орун алмашмак болуп жерге түшүп алды жагынан өтө бермек болгондо Перизат машинаны кескин жүргүзүп жиберди, көзүн жумуп алды, катуу жүрүп кеткен машина Айбекти жакын турган чоң даракка жабыштыра түртүп барып карс эте токтоп калды. Перизат шашып түшө калып жетип барса Айбектин оозунан кан кетип калыптыр, коркуп кетип эки жагын карап алды да элеңдей жүгүрүп жөнөдү. Ээн жерден жүгүрүп отуруп эсине келип: "акчам жок кайда барам, Айбекте акча бар, алып алайын" деп кайра артына чуркап жетип барса ал онтоп жатыптыр. Делдейе туруп калды, бир аз тургандан кийин анын чөнтөгүнөн акчасын алып кайра чуркап жөнөдү да: "баары бир өлөт, жардам сурап кыйкырайын, деп эки жакты карап кыйкыра баштады. Ошол убакта тоодон эс алып келаткан эки машина кубалашып жетип келгенде Перизат аларды токтотту да:

- Жардам бергиле! - деди, - Жардам берип койгула, - ыйлап алган.

- Эмне болуп кетти эжекеси? - деп алар жабыла түшүп карап калышканда:

- Эс алганы барганбыз, анан токтотуп экөөбүз тең жерге түшкөн элек, машинанын кантип жылып кеткенин байкабай калдым, - деп ыйлаганда бири:

- Машинаны артка жылдырбайт белеңиз, күйөөңүз биротоло бүткөн го? - деди.

- Мен айдаганды билбейм, муну ооруканага жеткиргиле.. .

- Азыр, - бири машинага отура калып артка жылдырганда Айбектин денеси шалак этип жерге кулап түштү. Бириси барып ыйлап башын жөлөп жаткан Перизатты карады да Айбектин тамырын кармап көрүп башын чайкады.

- Эже капа болбоңуз, күйөөңүз уже мёртв.. . - деп ары басты.

- Эптеп жардам бергиле, мен машина айдай албайм болбосо.. .

- Ма-акул, - бири жанындагыларга карады, - Кой балдар, соопту кайдан табабыз, адам өлүп атса кетип калганыбыз болбойт, - деди да үчөө-төртөө Айбекти көтөрүп машинага салды. Ооруканага алып келишип кетип калышты. Перизат коркконунан ыйлап жүрөт. Аны моргко алып кирип кетээри менен ал батирине келди. Кийим-кечесин даярдап жолго чыгып кетип баратып: "Эми мени Ырысбек кечирбейт болуш керек, андан көрө балдарымды бир көрүп кайра шаарга келип иштейин, айла канча, өзүм кылган иш, өз башыма муш болду" деп ойлонуп агасынын үйүнө чейин такси менен келди. Арадан он ай өтүп кеткен, апасы абдан карып калган кирип эле кучактап ыйлап жиберди.

- Апа, апакебай мени өлтүрүп салчы, мен кантем эми, балдарымды сагындым! - деп боздоп жатты.

- Шордуу кызым ай, биздин дагы эл караган бетибиз жер карады, Тейитбек сени көрсө эмне дээр экен, ачуусу келип зорго жүргөн, - Эне кызынын чачынан сылай ансыз дагы жаш агып турган көздөрүн аарчый, - Эми сен эжеңдин үйүнө бар, Тейитбекти эптеп сөзгө келтирейин анан үйгө кел! - деди.

- Апа, мен балдарымды сагындым, аларга барышым керек, аларсыз жашай албайм!

- Сага эми балдарың караар бекен, күйөөң болсо ого бетер нез болуп калган, кирип чыгып балдарына баш-көз болуп жүрөт, кишиге кошулбайт, сүйлөшпөйт.

- Эмне кылышым керек апа, балдарымды кантип алам?

- Алдырып?

- Ооба!

- Алдырып алам деп ойлобо, аны алдырып алсаң Ырысбекке жаман болот, оозуңду ачпа, мен өзүм барып балдарды атайын ээрчитип келем, көрүп сагынчың таркагандан кийин жеткиребиз.

- Эмнеге, көргөндөн кийин колумдан чыгаргым келбейт да апа, мен андан көрө өлгөнүм жакшы! - деп ыйлаганда Айнагүл:

- Бас жаагыңды, күйөм-сүйөм деп жүрүп өзүң тийип алып, эрденип эриш бузган да өзүңсүң, сени бирөө кылган жок, өзүңө өзүң кылдың!

- Апа-а!

- Ападан айлан, чырактай балдарыңды, сүйүп тийген эриңди кайдагы бир урук тууганы жок селсаякка алмашып ийбедиң беле, эгер ушинте берсең балдарыңды көрсөтмөк тургай өзүңдү кубалап жиберем, - дегенде Перизат томсоро отуруп калды. Эне деген эне эмеспи, боору ооруду, ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп кийинди да жөнөдү. Ал Ырысбекке ачык эле айтып, балдарын бир көрсөтүп кайра жеткирмек, Ырысбек сыртта жүргөн, кайненесин көрүп башын ийкеп койду. Гүлзана таенесине жетип кучактап калды. Тилек ойноп жүргөн.

- Гүлзана, жакшы окуп атасыңбы кызым? - Айнагүл аны өөп сурады.

- Ооба тайне, ударник болдум, - деп аны карай жүгүрдү.

- Жакшы кыз бол айланайын, - Ырысбекке карады, - Балам, мени жаман көрсөң да Перизаттын келгенин айтайын, ал шордуу балдарды сагынып ыйлап отурат, - деп аны карап туруп калды.

- Качан келди?

- Азыр, жанараак эле келди, балдарды бир көрүп кетейин дейт.. .

- Өзү келсин апа, жолуккусу келсе ачык эле жолугуп кете берсин! - Ырысбек ойлуу унчукту, - Балдарга жолукканга акысы бар да?

- Айланайын десе, ушундай ак көңүл боорукердигиңден таптың да ушуну, ошол шерменде үчүн сенин алдыңда өзүмдү да күнөөлү сезип жүрөм, мен тарбия бере албаган экемин.. .

- Сизде эмне күнөө апа, анте бербеңиз, бул биздин тагдырыбыз, ушундай болуп калды, капа болбоңуз, барып өзүн жөнөтүп ийиңиз, - деди Ырысбек. Анаркүл эчтеке дебей үйүнө карап басып кетти. Ырысбек ойлуу басып жүрдү: "ал өз эрки менен кеткен эмес, аны Айбек зордоп алып кеткен" деп балдарынын, коңшуларынын айтканын эстеди: "Байкушту чаңыртып сүйрөп алып кетти, аны өлтүрүп койбосо болду", "Ата, апамды сүйрөп өлтүрөм деди Айбек аке". Ушулар анын кулагына жаңырып өзүн жаман сезип кыйналып жатты. Балдарына тамак жасап түшкү чайын белендеди да чакырып келип отургузуп тойгузду да, Гүлзана кол арага жарап калган. Анча мынча жумушту жасап койот, идиштерин жууп, үйдү ошол эле шыпырат. Кечке күттү ал Перизатты: "Мен Перизатты сүйөм, ал деле мени сүйөт, аны азгырды, зордоду" деп Айбекти жаман көрүп: "Акыры ошонуңдун жазасын оо дүйнөгө барганда тартасың, бактылуу үйүбүздү буздуң, даамымды сызып жүрүп ак дилиме кара санадың, кудайга койдум" деп жүрөгү сыздап ойлуу отура берди.

Күндүн кеч киргени байкалбай жатып алып толгон санаанын кучагында термелип атты: "Эгерде Перизат кечирим сурап келсе кечирем, балдарымдын энеси, балапандай кезинде сүйүп алган жарым, андан кетсе да кечирем, кокус балдарды көрүп эле кайра кетем десе деле макулмун, Айбек менен бактылуу болсо каршылык кылбайм" деген чечимге келди. Бирок ал негедир кечигип жатты, жүрөгү зырп этип эшиктен дабыш чыккан сайын кулак түрүп ичинен Перизатты абалкысындай тозуп алгысы келип жүрөгү лакылдап кубанычтуу болуп турду ушул кез: "Аттиң, "адам аласы ичинде" деген ушул тура, мен Айбекти адам катарына кошуп үйлөнтүп бир туугандай мамиле жасайын деп жүрбөдүм беле, жүрөгүмдү оорутуп кетти, жумшагымдын айынан аз жерден өлүп кала жаздадым, көрөөр күнүм бар экен, өзүмө окшоп балдарым жетимканаага түшөт беле же өгөйдүн чеңгелине түшүп кор болот беле, кудайга шүгүр, аман калдым, кек сактабаймын, кудай өзү жазаласын" деген өктөөсү көөдөнүн тээп кээде жарып чыга албай туйук жара сымал ичинен сыздатып жатты. Аңгыча кечке маал болуп калды: "Кайда жүрүшөт, кечке үйгө токтошпойт, же аларды Перизат келип алып кетип калдыбы, эгерде андай кыла турган болсо балдарды көзүнө көрсөтпөйм" деп сыртка чыгып балдарын караса ойноп жүрүшкөн экен. Чакырып карап турса коңшусу Мадалбек ага басып келип учурашты:

- Ырысбек кандай, денсоолук жакшы болуп калдыңбы?

- Жакшы аке, кудайга шүгүр, - Ырысбек андан жалтайлап сүйлөшкүсү келбегендей балдарына кыйкырды, ал элден Айбек менен Перизат жөнүндө сөз угуп каламбы деп сактанып жолуккусу келчү эмес.

- Ырысбек үйүңдө жүргөн досуң кетти беле? - Мадалбек дал ошол суроону бергенде туттуга туруп калды да:

- Айлына кеткен, - деди.

- Дурус бала көрүнгөн, жакшы иштеди, кичипейил болчу.

- Ооба, ошондой жакшы жигит, бирге чоңойгонбуз.

- Аа-а, - деп койду ал.

- Гүлзана, Гүкү бери келгиле, кеч кирди кызым!

- Азыр ата, Тилекти алып келейин, - Гүлзана тепилдеп ары жүгүрүп барып инисин жетелеп келип калды.

- Ата, биз келдик.

- Жүргүлө, - Ырысбек экөөнүн алдына басып үйгө кирди. Негедир бүгүн өзү жашаган үйү өзүнө комсоо көрүндү, бир нерсеси кемигенсип, жан дүйнөсү ээндей берди. Кимдир бирөөнү күткөнсүп кулагын түрөт, чоочун дабыш чыгабы дегенсип эшикти тиктейт. Ал анан алаксып чай койду - Гүкү, Тилек экөөңөр буту-колуңарды жууп келип чай ичкиле.

- Макул, жүр Тилек, мен сени жуунтам, - деп Гүлзана инисин колунан ала эшикке жетелеп чыгып кетти. Алар бактын ичиндеги арыкта агып жаткан сууга барып кужурашып жуунуп жатты. Ошол убакта аярлай басып Перизат үйдүн босогосун аттаганда ойлуу отурган Ырысбек обдула берип кайра токтоду: "сагындам сени" деп алды көмөкөйүнөн, бирок жер карап калды.

- Ырысбек, кечир мени, балдарымды бир көрүп кучагыма кысып моокумум кангыча жыттап алганга уруксат бер. Сенин алдыңда күнөөлүмүн билем, келбей койуууга кудуретим жетпеди. Мен энемин десем күлкүң келээр, аргасыз болсом дагы балдарымды таштоого туура келген.. . - Перизат баш көтөрбөй угуп турган күйөөсүн жалдырап карап турду, - Бир эки күн апамдыкына барып койнума кысып, жыттап алайын, жок дей көрбө? - деп ыйлап отура калды, ушул кезде кужулдашып кирип келген Гүлзана менен Тилек делдейе карап туруп апасын тааный:

- Апа-а! - дешип кучактап калышты. Экөөнү кучактап алып Перизат үнсүз гана көзүнүн жашын төгүп эки баласын өпкүлөп, улам бирин бооруна кысып тура берди.. .

***

Азимбү күйөөсүнүн ойношун уккандан кийин так секирип кетип калса деле болмок, бирок ал антпеди, өзү ушул күндү сурап алганын билди: "Ботобек деле жакшы адам болчу, балдарын жакын жуута албаган өзүмдө күнөө, жакшы болсом ошол жерде эле жүрбөйт белем" деп ичинен сызып алды. Гүлсана болсо такылдап анча, мынча жумушту өзү эле жасай койчу болгон. Адилет быйыл окууга бара турган эле, Азимбү ал экөөнү дүкөнгө ээрчитип барып алды да кийим-кече сатып берди. Шабдан ага дайындаган эле. Жолдо келатып Жайна менен сүйлөшүп калды. Жайна ага өзүн Сагынай деп тааныштырды. Экөө сүйлөшүп келатып бөлүнө турган болуп калганда:

- Ий-ий эже, сизди тим эле жаман айтышат го, андай деле көрүнбөйсүз го? - деди жылмая.

- Эл болгон журде сөз чыга берет эмеспи, айтса айтып тим болоор.. . - Азимбү басып кетээрде ал токтотуп:

- Сиз мага жагып калдыңыз эже, сиздей көтөрүмдүү аялдын башын аттап башкармалыгына чиренип жүргөнүн кара, - деп койду, - Сиз балаңыз болбогондон кийин эмнеге басынып жүрөсүз, негизи аялдар көп учурда бала үчүн гана чыдап, бала үчүн кармалат го?

- Эже дейсиң улуулугуң сезбейсиң, досум дейсиң дос кадырын билбейсиң дегендей, Сагынай теңтуш эле окшойбуз, балам болбосо кудай берген багым бар экен, үй-жайын таштап башкарманын катыны болгусу келгендердин ичин күйгүзүп да жүрөм, кыркка чыга элекмин, кудайдан бир перзент күтүп да жүрөм, мен эми Шабданга тийдим кетпейм, ойношунун оозун ачырып, көрө албастардын тилегин таш каптырып Шабдандын башын өзүмө имерейин деп жүрөм! - деп Азимбү басып кетти эле Жайна өзүн таанып, билип эле айткандай бир кызарып, бир бозоруп турган жеринде катты. "Шумдук, укмуш аял экен, башка аял болсо минтпейт эле" деп ойлуу үйүнө жөнөдү. Ал ойунда өзү ойлогондой ичи күйүп ошол ойношун көрсөтүп бер деп айтаар деп турган, ойунун тескери чыкканына ызаланып: "Экинчи Шабданды азгырбай эле тынч жүрөйүн, эрим балдарым турса уялбаганымды кара, мен акылсыз" деп жетип эле балдарынан жинин чыгарып урушуп кирди, күйөөсү үйдө экен ага асылып: "көк мээ, чирик мээ, сен эркектей болсоң жашообуз оңолмок" деп кыйкырып урушуп жатты.

Азимбү үйүнө келди, балдары алдыга кеткен, өзүнүн алдынан жүгүрүп чыгып:

- Апа, сиз эмнеге кеч келдиңиз?

- Биз сизди күтүп отурдук, - деп жарыша этектеп калганда аларга мээримин төгө элжирей карап:

- Эрмектерим десе, мени күттүңөрбү? - деди да үйүнө кирди. Шабданга көргөн, билгенин айтпады, жөн гана тиричилик жөнүндө сүйлөшүп койот. Салмактуу сүйлөп, орундуу кылган иши менен алектенип өзүнүн эмне кылып жүргөнү жөнүндө кеп салып сурабаган аялына кээде ыраазы болсо кээде: "Бул аял эмне деген аял, эринин кайда жүргөнү кызыктырбайбы, же мени кызганбайбы, же жөн гана эри жок жүргүчө эри бар деген атым болсо болду деп жүрөбү" деп ойогон Шабдан таңгалып койуп жүрдү. Убакыттын өтүшү менен балдар зыңкыя чоңойду. Алберт үйлөнүп балалуу болуп калган. Гүлсана мектепти бүтүп шаарга окууга кетти. Адилет онунчу класста окуп калды. Баягыдай тентек эмес, Азимбүнүн орун колдон алып, сырткы жумушту өзү эле жасай берет. Ан сайын Азимбү ага жалынып жалбарып тамагын даярдап, кийимин таза жууп кам көрүп өз энесиндей мээрман. Колу коңшусу ага ыраазы болуп эртели кеч жолугуп калганда мактап калышат. Анын төрөйм деген ойуу биротоло үмүтүн үздү. Бала деген оорусун унутту. Эмки милдети Гүлсананы күйөөгө бермек болуп, ага колунан келгенин эне бармагы дедиртип жасап бергенге аракеттенип жаны тынбай кийиз жасап, ала кийиз шырдак жасап атты, аны көргөн Шабдан абдан ыраазы болуп: "Өз энеси болсо да мынчалык мээнет тартмак эмес, аялдын бактысы бир колунда, анан жүрөгүндө деген чын, жүрөгү ааламдай кең аял экен, пешенеме ушунун туш келгенине шүгүр" дечү болду. Балдарынын апасы өзүн өзү карап, жумушун коңшу-колоңдун келиндерин чакырып жасатып, өтө текебер, мейманчыл болчу. Чакырган жерге алтындарын тагынып, кечке жасанып анан бараар эле. Шабдандын жүргөнүн укса өкүрүп бакырып ыйлап, төркүндөрүн чакыртып, кетем деп жаңжал салып, бир эки айга чейин кулагын койчу эмес. Балдардын ыйлаганына да жини келип: "Жаштайымда карытып бүтүрмөк болду, төрөбөс болуп калсамчы ушундан көрө" деп кагынып силкинип турганын эстегенде: "Өтө жеңил элең байкушум, бакытты да көтөргөн көтөрөт деген чын, сен өз ырысыңды да көтөрө албай калгансың" деп оор күрсүнүп алды:

- Шабдан, - деди ал ойлуу отурганда Азимбү, - Гүлсанага жакшы шырдак жасадым, көрчү жагабы? - деп төрт бүктөм гүл шырдакты жая берди.

- Ой-ууй Азимбү, бу сен өзүңчө эле эоотсуң го, бул шырдакты жалгыз жасадыңбы? - деди кызыгып сурап.

- Ананчы, шырдакты жалгыз жасаса болот, бул килем эмес да, - Азимбү күлүп койду, - Кызга сеп берсек атасы башкарма болсо, бергени кайсы деп кеп кылбайбы, анан да энеси өгөй деп ирээнжип Гүлсананын жүрөгүн оорутпасын.

- Ай, деги өтө акылдуу аялсың Азим, жакшы адамдарга туш келсе антип айтпайт, адамдык насили пас неме эле ошентпес.. .

- Эми Алберт менен Адилетке жасап койсом, бирден ала кийиз, бирден шырдак кылып өз колум менен берейин, ушулар ыраазы болсо мен ыраазымын, - деп муңайым сүйлөп отурду Азимбү. Ошол жылы Болоткан Алимбекти үйлөнттү, ага Шабдан ат жетелеп барып Азимбү экөө сый урмат көрүп келишти. Кыздын төркүндөрү келгенде да чакырып алышты. Болоткан Шабданды өтө сыйлачу, күйөө баласы болсо да сылык учурашып экөө көпкө сүйлөшүп, иш бойунча кеңешишет. Үргүл дагы жакшы нерсе болсо тең бөлүшүп, кээде сырдашып да калышат. Шабданга тийгенден кийин Азимбү иштебей үйдө болуп калган.

- Эмнеге иштебей койдуң, эл менен болгон көңүлдүү да болмок, - деди ал.

- Иштегенде эмне жеңе, балдары жаш болчу, эми чоңойушту, ашыкча боло бергендин эмнеси жакшы, кийимим бүтүн, кардым ток, бир гана кайгым төрөбөгөнүм жеңе! - деп муңканып ийди Азимбү.

- Кантет, эми сен чоң эле аял болуп калбадыңбы, кудай берээрин да, бербесин да өзү билет экен, төрөбөсөң дагы баккан балдарың турат, антип кейибей жүр, аман болсоң болду, арга жок да, - деп сооротуп отурду Үргүл.

- Жеңе, алар мени өз энесиндей карайбы же карабайбы кудай билет, эмнеси болсо да, чоңойтуп кодйум, эми төрөгөндөн үмүт үзүп койдум, кеч болсо да төрөп аламбы деп ойлодум эле, болгон жок.

- Кейибе, кээде өз баласы деле карабай кетип атпайбы, зээни кейигенде ушундан көрө баласыз болсом эмне деп калышканын уккам, андан көрө баккан бала жакшы болот.

- Билбейм, башка келсе көз тартат дейт, көрөөрмүн буйруганын, - экөө тең унчукпай калды. Үргүл ушуну менен экинчи келин алышы, улуу келини төркүндөрү келип кеткиче туруп, андан кийин кызматына кеткен, эки балалуу болушту, кээде гана келбесе көп каттабайт, ата-энеси кызматта, өзү инспектор болуп иштейт, баласы бир мекемеде жетекчи. Ошентип экинчи келини жөнөкөй болсо да ыймандуу болсо болду дешип Болоткан экөө кеңешип алып беришти. Келини карапайым үйбүлөөдө чоңойгондуктан кайната, кайненесин абдан сыйлаган, ыймандуу келин болчудай түрү бар. Үргүл саамга ушуларды ойлонуп кетти: "Балким төрөбөсө да ошол балдарынан көрөөр, Сагынбектин аялы кайнатасынын көзүнчө жылаңбаш, шортик кийип келип атпайбы, кийин бизди сыйлайбы, сыйлабайбы кудай билет, балдарын да бизге көп жибербейт" деп улуу келини Тамарага ичинен ыраазы болуп турду. Азимбү жеңеси менен сүйлөшүп отуруп кеч кайтты. Келсе Адилет үйдө жалгыз экен, көрүп эле:

- Кайда жүрөсүң апа? - деди тура калып, - Сиз жок жаман тура.

- Садага кетейин десе, кечигип калдымбы? - деп күлүп кечки тамагын джасаганга киришти ал. Алберт жайкы каникулда аялы баласы болуп келип калды. Келини Венера өтө такылдаган тилдүү, митаам неме экен. Келгенден бери бир иш кылайын дебейт, төркү бөлмөгө отуруп алып бети башын бойоп, кашын терип, баласын карап үйгө каралашкысы келбеди. Азимбү бир күнү:

- Венера, баланы мага берчи балам, менин табым айнып турат, тамак жасай кой, - деди эле.

- Биз биякка келип тамак жасаганы келген эмеспиз, эс алганы келгенбиз, жасасаңыз жасаңыз, жасабасаңыз өзүңүз билиңиз, - деди үрпөйгөн тооктой каштарын жыйра.

- Ботом, ысытмалап турам, болбосо өзүм эле жасайт элем, каралашып койсоң алкыш алат элең балам, - деп эшикке чыгып баратканда Алберт кирип келатыптыр.

- Эмне болду? - деди экөөнө карап.

- Өз энең болсо ушинтет беле, тамагыңарды өзүңөр жасап ичкиле дейт, - Венера чырт эте күйөөсүнө таарына кетти, - Үйгө барам деп болбойсуң, келгендеги сыйыбыз ушубу?

- Апа, өзүңүз эле кыла бериңиз да, Венера казанга оокат жасаганды билбейт, - Алберт Азимбү күнөөлүдөй карады.

- Ээ балам, ысытмалап турганым үчүн айттым, болбосо кудай алсын, мындай жумуштун далайын жасап жүргөмүн, - Азимбү чыгып кетти.

- Өгөй деген ушу да, өзүңдүн апаң болсо башкача болмок! - Венера чүрчүңдөй ары карады.

- Венера, а өзүмдүн апам болгондо өзүң иш кылат белең? - Алберт аны суроолу карады.

- Кылмакмын.

- Өгөй болсо деле апабыз да, мени, атамды сыйлап ушу киши ооруп калганда айттырбай жасап койбойт белең? - Алберт негедир Азимбүнүн таламын талашып жатты.

- Ушу апаңды көргүм да келбейт, баламды карматкым келбейт уктуңбу, эртең үйүмө кетем!

- Ошого эле кетем дегениң кантип болсун? - Алберт аны таңгала карады.

- Ошол эле дейсиңби, ал мени мизирейген желмогуз, эчтеке кылбай отура бересиңби, тур жаның чыкса дагы деп урушканын уккан жоксуңбу? - Венера атайын калпты айтып ийди.

- Койчу кантип эле? - Ошондо Адилет кирип келди.

- Эмне болду? - Агасына суроолу тигилди.

- Апаң Венераны урушуптур?

- Кантип эле, ал антиши мүмкүн эмес, бир дагы анын бирөөгө жаман айтканын көргөн жокмун.

- Силер ошенте берсеңер өгөй эне ого бетер кыйын боло берет да, мени келгенден бери эле көзүнүн төбөсү менен карап жеп ийчүдөй болуп жүрбөйбү?

- Жеңе, апам андай аял эмес, кичинемден ошонун колунда келатам, жаман сөз оозунан чыкканын көргөн эмесмин! - Адилет чыгып кетти.

- Болуптур, чогуу кетебиз, Денисти таштай албайбыз го анда? - Алберт аргасы кете аялын карады, - Апам баланы жакшы карайт, таштап койсоң жакшы болмок, кийин төрөгөнүңдө кыйналасың да.

- Өзүмдүн апама таштайм! - деп ьурк этти Венера.

- Өзүң бил.. .

Алберт сыртка чыкса Азимбү казанды асып алып, алоолонтуп отту жагып алып тамак жасап жаткан экен. Алберт уялып калды. Ал баягы бала кезиндегидей эмес Азимбүнү сыйлап калган болчу, анткени Гүлсана баргандан баштап эле: "Апамды сагындым, мени ойлоп тамагын да иче албай жаткандыр, ушунчалык жакшы көрөт, ага караганда атам көп үйдө болбой биз менен иши деле жок" деп көп айтчу. Ошон үчүн аны сыйлап апалап, келгенде жанына отуруп бир нерселерди сүйлөшүп калганда ал дагы жетине албай: "Садага болойун десе" деп эки сөзүнүн биринде жалынып, жалбарып турчу.

- Апа от жагып берейинби? - деди жанына келип.

- Болду балам, бышып калды, мен чыйрыгып турам, эптеп өзүңөр куйуп ичпесеңер шайым кетип баратат, - Азимбү ордунан туруп беш-алты кадам басып эле жыгылып кетти. Алберт аны өйдө кылып колтуктап үйгө алып кирди, төргө жаткырып башына жаздык койду. Аңгыча Шабдан келип калды, Азимбүнүн бүткөн бойу от менен жалын болуп калчылдаганы төшөктүн сыртынан билинип турду. Венера кайнатасы келгенден кийин өзү дасторкон жайды. Шабдан Азимбүнүн чекесин басып көрсө күйүп жатыптыр:

- Адилет, Болотту чакырып келчи, укол дарыларын ала келсин, - дегенде Адилет жүгүрүп кетти. Ээрди, ээрдине тийбей качылдаган Азимбү укол сайгандан кийин бир аз эс ала түштү.

- Катуу суук тийген, эки өпкөсүнө тең, ооруканага жатпаса болбойт, - деди врач.

- Эртең алып баралы анда, - Шабдан Болотту карады эле ал!

- Тезирээк алып барыш керек, ушундайда дарыланбаса күчөнүп кетет, - деди Болот. Ал дары берип укол сайып кетип калды. Эртеси Шабдан кызмат машинасы менен өзү алып барып жаткырып келди. Азимбү бир айдай жатып чыкты, өңү боппоз болуп алсыз. Алберттер кетип калган, Адилет ага карап калды, аз убакыт калган эле анын шаарга кетээрине. Анын ооруганын угуп Гүлсана жетип келди. Ал өзү карап, ысык тамак жасап берип, киймин таза жууп жанында болуп күзгө жакын окуу башталаарда кетмек болуп жатканда төмөнкү айылдан бир жигит ала качып кетти. Аны уккан Азимбү:

- Кибиреген садагамды кууратып алып кеткенин кара, орунсуз болсо алып келгиле! - деди жөнөп жаткандарга.

- Анча алып кеткен немелер бизге береби, бара көрөбүз да?

- Алберт болгондо алып баса бермек, сүйлөшкөн эмес эле го? - Азимбү ого бетер бышактап жатты.

- Ылайыктуу болсо, өзү кетпейм десе тим койгула, кокус ыйлап сыктап кетем десе калтырбагыла! - Шабдан дагы кызынын турмушка эрте чыгышын каалабай турган эле. Алар барганда Гүлсананы жоолук салып отургузуп койушкан болчу, бирок ортосунда сүйүү деген оору жок эле. Шабдан менен бир тууган Албан деген иниси аялы Зуура экөө келген, жеңесин көргөн Гүлсана ыйлап кетем дегенде Албан аны тыйды:

- Келген жериң жайсыз болсо бир жөн, сельсоветтин баласы экен, акемди жаманатты кылбай тынч отур, жалгыз кызсың, бата куранга каласың.

- Мен сүйлөшкөн эмесмин, көңүлүм жок, кете берейинчи? - деп ыйлаганына эжеси Урматкан да болбоду.

- Кой айланайын, баягынын кызы дедирбей жөн отур кызым, атаңды уятка калтырба, садага болойун десе, жакшы кыз атасынын кадырын түшүрбөйт, сен эстүү жансың, - деп Сайра аны көндүрүп атты. Алдаса болот жаш башты дегендей Гүлсана ыйлап ыйлап кала берди. Келгендерди аябай сыйлап, алдына акча койуп узатмак болгондо Албан:

- Эми-и кудалар, Гүлсананы окуусунан калтырбагыла, мен атасына окуусунан калбайт деп айтып барайын, - деди узатаар аяктын стаканын колуна кармай.

- Ооба, ооба калбайт окуусунан, Жоробек да окуусуна кетет, экөө окуй берет, кудам кам санабасын.

- Ошондой болсун, окуусун бүтүп алса өзүңөрдүн бүлөөңөр, зыяны тийбейт, - деп карс карс күлгөн Албан, - Эмесе Гүлсана менен Жоробектин өмүрлөрү узун, бактылуу-таалайлуу жаштардан болсун, эки жакты сыйлаган уул-келин, кыз-күйөөлөрдөн болсун! - деди.

- Айтканыңар келсин!

- Ылайым таттуу кудалардан бололу!

- Эки жаш бак-таалайлуу болсун! - дешип түнкү жымжырттыкты буза куда-кудагыйлар шаракташып ырдап-бийлеп жатып анан узашты. Жоробектин атасы Ысман сельсовет болуп иштейт, аялы Мариякан обу жок, өтө кесирлүү аял эле. Жоробек алардын баккан баласы, өзү төрөбөй калып Ысмандын инисинин баласын алты айлыгында багып алышкан. Ысмандын иниси Кутман жоош момун, агасынын арты менен жашаган адам. Алты баласынын бири Жоробекти агасы сураганынан берген. Аялы Батма дагы өзүнө окшоп өзүн зорго алып жүргөн неме. Алар келген эмес, Мариякан аларды келин алып келээрде:

- Силер кийин келесиңер, бүгүн кудаларды узатып алалы, - дегенде Ысман аялына ачуулана карап:

- Эмне болмок эле жүрө берсин, бир тууган экенибизди танып, чанып кетмек белек? - деди күпүлдөй.

- Ысман, өзүң билесиң, асыранды бала деп угуп калбасын, анан дагы.. . Тиги Батма бул менин балам, ал төрөгөн эмес деп айтып койобу дейм да, эмии-и кийин деле билет дечи, ошого чейин билбей койо турса деген элем, - деп Мариякан күйөөсүнө жойпулана карады.

- Айтпайт алар, жөн эле кайдагыны ойлонуп ийесиң, - Ысман ойлонуп кетти: "Ала карганы атынан айт" дешет эмеспи, ырас эле айтылат, баары угулат, аттиң өзүмдөн тукум калбай калды" деп оор улутунуп алды. Гүлсананын атасы башкарма экенин билген Ысман көңүлү көтөрүлө түштү: "Жаман эмес, башкарма менин кудам болот, ата-энесине кеткен күндө да менин балам, мени жакшы көрөт" деп ойлоно берди. Гүлсана эки кыз менен ажатканага бараткан, токтой калды:

- Аа-ай, келиндин атасы башкарма имиш, Ысман жөн эле куунун куусу да, балдарынын апасы өлүп калыптыр, азыркы өгөй апасы экен, - деп бири шыбырады.

- Ой келиндин апасы өгөй болсо атасы өзүнүкү да, Ысмандын аялы төрөбөй Жоробекти багып алышкан!

- Ай-ий ай, дегеле билгизбейт ээ?

- Сен билбесең биз билебиз да, биздин көз алдыбызда өсүп жатат го бечара, - бири шыпшынып койду. Гүлсана унчукпай кетип баратып: "багып алышкан тура, өзү билет болду бекен" деп ойлоп кайра кирди. Жоробек ак жуумал, узун бойлуу сулуу жигит. Гүлсанага көргөндө жагып калган, бирок алар анча деле жолугууга чыккан эмес. Арадан он күн өтпөй эле кыз-күйөөсү кете электе Азимбү жанына келини Венераны ээрчитип алып жарым себин, көшөгөсүн алып жетип келди. Гүлсана апасын кучактап алып көпкө ыйлады.

- Ботом, кудагыйды чай-пай ич дебей эле кучактап алдың да, кой эми ырым-жырымдарын жасасын, - деди Мариякан келининин ыйлаганын жактыра бербей.

- Кой айланайын ыйлаба, кыз деген бирөөнүн бүлөөсү болот, мына бу жердеги келиндер менен апаңар да бир кезде керилген кыз болгон, кыздын эли жери бөлөк болот!

- Аа-а десеңчи, өмүр бойу эненин кучагында жүрө бермек кайда-а, өзүң да бир кезде уул-кыздуу болосуң, кыз берип, келин аласың, - Ар кимиси ар кайсыны айтып сүйлөшүп отуруп күлүп калышты.

- Мен такыр эрге тийбейм деп ойлогом, балдар менен чүкө ойногон кыз болчумун! - Бириси каткырып калды. Азимбүнүн шырдак, ала кийиздерин, каптаган жууркан-төшөктөрүн мактап жатып калышты андан кийин.

- Эненин бармагы болсо ушинтип берет септи, бармагы болбосо сатып же бере албай калат!

- Ананчы, тим эле сонун жасапсыз кудагый, кыз баланын камын көргөн эне экенсиз да-а! - дешип кайра-кайра айтып отурушту. Абыдан сыйлап бир сыйра кийит кийгизип анан жөнөтүштү. Венера кайненесин жаман көрүп: "өзүн көрсөтөйүн деген тура, болбосо буларда жокпу, килем эле алып барбайбы" деп өзүнчө жини келди. Анткени анын ата-энеси эмдигиче эчтеке бере элек болчу. Өзүңчө чычалап да алды. Бирок сыртына чыгарбады. Ал күйөөсүнөн күчүн чыгарып бултуңдап кетем дегенде Алберт:

- Эмне таарынып калдыңбы, кудалар жакшы сыйлаган жокпу? - деди сынай. Анткени өзү сезип турган, ата-энесинин жок жарды болуп бере албай жүргөнүн билет. Атасы көп ичкендиктен кызынын алдына койгон акчасын коротуп алып бере албай жүргөн эле. Апасы дурус эле аял, бирок күйөөсү ичип келип ургу бергиге алып сабап жүрүп өңү түсүнөн кетип, картаң көрүнчү. Венера бир эле кыз, бир кызын бага албай атасынын ичип жүргөнүнө ичинен ызаланды: "өгөй болуп туруп бары жоктун баарын алып барып берди, мага жок дегенде тыңыраак көйнөк кийгизгенге жарашпады, ушундай ата-энеден көрө жетим болсом болмок" деп өзүнөн өзү тултуйуп кечке отурду. Анан ал Албертке айтып ата-энесине жолугуп келмек болду.

- Чогуу баралы, - Алберт ага карады.

- Качан болсо чогуу баралы дей бересиң, менин сүйлөшө турган сөзүм бар!

- Мейли анда, мен бияктан баратып кайрылып ала кетем.

- Ооба, - деди тултуйганынан жазылбай. Алберт аны түшүндү, таксиге салып жөнөтүп койду. Анын ата-энеси Беловодскиде тураар эле, жердиги Оштон, кийин эле там алып көчүп келишкен. Эрте чыккан Венера баласы менен кеч жетти. Ал келсе атасы дагы мас болуп жатыптыр. Канышай телмирип жалгыз чай ичип отурган. Кирип келген кызын көрүп кубанып кетти:

- Ырас келбедиңби кызым, ушинтип күндө отурам, уйкум да качып калды, ой-санаа мени жеп бүтөт го?

- Апа, эриңди айтпайсыңбы, арактан атасы өлсө да ичкенин койсун, болбосо дары берип өлтүрүп койом! - Венера адегенде эле жинденип кирди, - Же бир кыз кезимде адам катары бага албадыңар, эми уяттуу кишилерге мени шерменде кылдыңар го? - Ыйлап кирди.

- Эмне кылайын деги, колумдан келсе барганы эле турам.. . - Канышай кызына сүйлөй албай күнөөсүн сезе мукактанды, - Менде да тирикарак тууган жок же атаңдын туугандары карабайт.. .

- Мен дагы мага окшоп эч кимим жок калат экемин да кийин, мен эми силерге өзүм берип туруп алып баргыла дейин десем уурдап сатып мунуң жок кылса.. .

- Ошентет, мага ээ кылбайт, ушунун токмогунан карып да бүттүм, - Канышай кейип алды, - Ичип эле келатат, дегеле денсоолугу укмуш экен мунун, жаны бекем тура! - деп эне бала учурашпай туруп эле бир сыйра талашып, тартышкандан кийин унчукпай отуруп калды: "Мен неге төрөлдүм экен, Алберттин оозун го ачырбайм, эл, кайненем айтып жатат го, деги оңолор күнү барбы мунун, жаткан жерден жыты буркурап" деп атасынын кейпин көрүп жүрөгү сыздап алды. Ал эчтеке билбей жата берди, эртеси эрте туруп алып баланын ыйлаган үнүн угуп алып ички бөлмөсүнө баш бакты. Венераны тааный койуп:

- Оо алтын кызы десе, менин кызым келип калган тура, кана-кана неберемди берчи эркелетип бир жыргап алайын, - деп кулачын жайып жатканда Венера баласын жаткыра койуп ыргып турду:

- Ушу кебетең менен баланы эмне кыласың ыя, намыстан өлө турган болдук го?! - Венеранын бакырыгын угуп Канышай кирип келди.

- Эмне болду кызым?

- Эчтеке, мунобуңду көзүмө көрсөтпөй жогот, баланы бер деп койот, ушул кебетеси менен кантип бала берем, чаң, кир, жыты арак эле жыттанат! - Венера долулана ыйлап жатты, - Ушундан көрө өлтүрүп салбайт белеңер! - Ошол убакта атасы не кылаарын билбей делдейе туруп калды, канчалык ичип адамдык кейиптен кетип турса дагы жүрөгүндө мээрим, аталык сезими ойгонуп, көптөн бери көрбөй кызын сагынганын, небересин көрүп кубанганын эсинен чыгара бозоруп туруп калды. Канышай кызын сооротуп:

- Болду кызым, атанын сөзү ок, эненин сөзү бок дейт, атаңды нааразы кылба садага, жаман болсо да атаң! - деп аста айтканда.

- Дагы эмне кылайын, балалык кезимде да жетпей жүрүп өткөрдүм, эми барган жериме кеп кылдырбай адамча жашасаңар болбойбу?! - Венера жиндене атасынын маңдайына келип, - Ме каргап жут мени, ансыз дагы жашоодон тойуп бүттүм! - дегенде Жолдош ары карай бурулуп сыртка чыкты. Анын башы зыңгырап ооруп турганына карабай кызына учурашмак болгон, эми дагы өзүнө келе албай турду: "Туура айтат, мен ит болдум, бир кызымды жакшы чоңойто албадым, кой мен токтотойун, кызым абдан капа болуп келген го, болбосо минтчү эмес эле, уят кылбайын алтын кызымды" деп башынын ооруганын унутуп отура берди. Бул убакта дүкөн кыдырып кетчү күйөөсүнүн эч жакка барбай отуруп калганын көрүп кубанып кирди:

- Венера, сен атаңды жакшы урушкан окшойсуң, эч жакка кетпей отуруп калыптыр го?

- Кетсе кете берсин, өлгөн неменин бири да! - дегенде Канышай кызын ачуусу келе карап алды:

- Атаңа антип айтууга акың жок кызым, эч убакта бала ата-энеге кайыр айтпаш керек, мейли мен энемин, атаңды эркек дейт, дили карарып нааразы болуп калса оңой болбойт!

- Ушул убакка чейин өйдө карабай токмогун жеп, тиштериңди күбүтүп тапканың кана, кемшийип маалыңа жетпей кемпир болуп отурганыңбы? - Венера дале долуланып жатты, - Деги ушундан күйдүм, жесе жеп салсын, каргаса каргасын, - деп ыйлап жаткан баласын эмизип отуруп калды. Келгени ата-энесине нааразы болуп урушуп жатып кардынын ачканын сезбей эми гана билди.

- Кел кызым, ачууңду токтотуп чай ич, токтоо бол садага, баары бир жашоо өз вазийпасын жүргүзө берет, биз пендем пешенеге жазганды көрөбүз, канчалык башкача болгуң келсе да болбойт, андан көрө токтоолук кылсаң баарына жетишесиң!

- Тетигиге айтчы акылды, менин акылым өзүмө жетет! - Венера апасын кагып койду, ушул кезде эненин сай-сөөгү сыздап, жүрөгү ооруп чыкты, жыйырма жылдан бери бир адамдын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп: "бир күнү баары жайына келет" деп койуп жашап жүргөндү ушул жалгыз кызынын сөзү жүрөгүн көзөп өткөндөй болду. Аттиң эненин жүрөгүн ташка чаап жатса да "балам" дейт болуш керек.. . Канышай талкан сугунгандай болду, телмирип отуруп алып эмнени гана ойлободу, бир кездеги Жолдош экөөнүн жалындаган сүйүүсүн, бири-бирин күтүү өтө оор болуп кеткендиктен Жолдош Канышайга жакын жашаган курсташынын үйүнө келип алып кечинде дагы, эртең менен дагы ышкырып терезенин тушуна туруп алып: "Каныша-ай, мен келди-им!" - деп кыйкыра бергенин эстеди. Жолдош техникумда окуп жүрүп таштап койгон: "Мен Канышайды алып качам деп окуумду таштагам" деп калат. Ошол Канышайынын азыр бетинде, жаагында шрам, карала так, кундуздай капкара чачтары көгала болуп, тиштери арсайып, терсейип отурат: "Аттиң, арга канча, Жолдош анда сүйчү жан болчу, канча кыздар буга жеталбай арман кылып калышты, канчасы экөөнү бузмак болуп далай үйүнө кат таштап, ар кандай амал жасашты. Бирок кийин экөө тең окуусун таштап: "сүйүүдөн курулган үйбүлөө" болуп айылга келип алган. Апасы Жолдошту ичпе деп жүрүп көзү өтүп кетти. Канышайдын кээде жылмайып, кээде кабак бүркөй отурганын сырттан кирип келаткан Жолдош көрүп жүрөгү зырп этти: "байкушум ай, ушунчалык карып кеттиби, неге мен эсимди жыйбай жинди болуп жүрөм, кызым туура айтат", деп алды ал босогондон аттап келатып: "Жуунганы канча болду эсимде жок, кычкыл жыттанып турам го, кой кийимимди которуп мончого түшөйүн, анан адам болойун, жалгызымды карегеимдей сактап багам дечү элем, мен аны томсортуп чоңойткон турбаймбы, эси жок жаным, деги ичкениме канча жыл болуп кетти?" деп ойлоп манжаларын өйдө ылдый кылып жатканда Канышай байкап калып чоочуп кетти: "Балакет жинди болуп кетпегей эле, карыганда дагы азабын тартпасам экен" деп ойлонуп ага жетип эле:

- Ой Жолдош, сага эмне болду? - деп жиберди. Аны карап турган күйөөсү:

- Менин ичип жүргөнүмө деги канча жыл болду? - деп сураганда Канышай эрксизден күлүп жиберди.

- Аны эмнеге сурап калдың, кереги канча?

- Билбейм, канчадан бери ичип келатканымды эстей албай жатам Каным, кызым туура айтат, мен ичкенимди токтотпосом болбойт, кийим берчи, мончого түшүп келип сакал мурутумду алайын, - деди Жолдош.

- Апей, бирдеме ичип алып бар, ачкарын мончого түшсөң башың тегеренип өлүп калбайсыңбы, канчадан бери ичкен арак сени жыга чабаар.. . - Канышай күйөөсүн аяп турду.

- Чын элеби ата, мындан ары ичпейсизби? - Венера атасын кубана карады.

- Ырас айтам кызым, сен үчүн, алдагы жаман неберем үчүн эч ичпейм, адам болом!

- Алтыным атам менин! - Венера тура калып анын аракка чыланып кычкыл жыттанганына карабай кучактап алып ыйлап жатты, - Ичпечи ата, апамдын кебетесин карачы. Алберт келгиче жакшынакай болуп өзүңө келип кал ээ?

- Ичпейм кызым, ушунча ичип жүрүп эч качан өзүмө өзүм ичпейм деп убада берген эмесмин, - Жолдош кызынын чекесинен жыттап дасторконго отурушту. Ушул ирээт ал өз үйүнө серп салып карады, өтө жупуну, эскирген дубал, дасторконунда каткан нан.. . "Үйдө эмне бар, жогун ойлогонго чамам келбеген экен, байкуш Канышай, бир жолу да урушуп койбогонун кара, бирдеме десе сөгүп, уруп турсам анан эмне демек эле" деп нез боло аялы куйган чайдан ууртап алып кызын, анын алдында эч капарсыз колуна кашыкты кармап алып ойноп жаткан небересин карады. Канышай ага таза кийими менен самын, дагы керектүүлөрүн берди да жөнөтүп жатып:

- Этиет бол эми, - деп узатты.

- Ооба Каным, жуунуп келбесем болбойт, - деген Жолдош басып кетти, узата карап турган Каныш: "Ичпей калса адамча жашап калат элек, үй жайды оңдоп, мал-сал күтүп дегендей.. . " ал ойлуу кирди үйүнө. Венера апасына ак алдырды, үйүн чыгарып үй актады, Каныш небересин көтөрүп жүрдү. Эски төшөктөрүн сөгүп жууп каптамак болуп жатты. Көптөн кийин Жолдош кийим-кечесин кийинип кирип келгенде алардын кубанычын айтпа. Чынында Жолдош бир да жолу ичпейм деп убада берген эмес болчу. Канышай аны ичпе деп кээде эле айтпаса унчукчу эмес: "акылы болсо ойлонот эле го, айтканда айтпаганда не, бир күнү токтотуп жашообуз калыбына келээр, жашыбыз элүүдөн өтүп калды, жалгыз кызыбыздан башка эч кимибиз жок, айлам канча, бул ичип жүрүп албаганда төрөйт белем, деп ойлонуп отурду. Ал бирди төрөгөндөн кийин эле иштейм деп спирал салдырып алган, кийин анысын алдырса деле төрөбөй калды.

- Кана кызым, эми атаң менен бир жакшы кучакташып койчу, анан неберемди берсең көтөрөйүн, эркелетейин, - деп кулачын жайды эле Венера баласын ала жетип кучагына бала кезиндегисиндей жөлөнүп, кубанычтан ыйлап турду. Анан уулун берди:

- Ата, мага капа болбопсуз ээ? - деп эркелей карады.

- Жо-ок кызым, - Жолдош мээримин чача жылмая карап шыбырап, - Ошо сенин айтканың менин мээме кирип көзөп өтпөдүбү, ырас кылдың балам, жашоо менен ишим жок көзүмдү ачып эле ичип жатып алып таптакыр адамдардан алыстап калган экемин, мончодон келатсам баары эле карашат, артыма карасам алар мени кайрылып карап турган болот, кызык мынча эмнеге карашат Каныш? - Ал Канышайды карап таңгалганын жашыралбай туруп калды.

- Сенин кейпиңди мурда көргөндөр, ошолбу же башкабы деп тааныбай жаткандыр да? - Канышай күйөөсүнө күлүмсүрөй караганда Венера ичинен сызып алды: "апам байкуш кандай сулуу аял эле, анын күлгөнүн бир да жолу көргөн эмес элем, бири бирин абдан сүйсө керек ээ, ошону үчүн ушунча жыл кетип калбай карап жүргөн да" деп ойлонуп алды. Жолдош абдан оңолду. Керээли кечке үйүнүн айланасын оңдоп, түзөп үйгө карап калды. Венера менен Канышай төшөнчүлөрүн оңдоп жатты. Арадан жума өткөндө Алберт келип калды. Ал кайнатасын көрүп таңгалды. Кыз-күйөөсүн сыйлап анан узатты. Венера шаарга келгенден кийин ата-энесине атайын катып акчалай, керектүү буйумдарын берип жиберип жатты. Ар күнү ойлонуп бир себеп табат да эптеп Алберттин ата-энеси берип жиберген акчасын да үнөмдөөчү болду. Ошентип бир күнү:

- Алберт, Денисти апама берип келейин, мен дагы иштебесем болбойт, - деди. Алберт ага макул болуп каалагандай кылуусуна шарт түзүп берди, ал аялынын айтканынан чыкчу эмес.

- Өзүң эле бил.

- Сен окуп да, иштеп да жатасың, баары бир жетпейт, эгер төрөп калсам кыйналабыз го?

- Ой ойлонбой эле койчу, атамдар бизди кор кылбайт.

- Качан болсо алардан жардам сурап отурмак белек?

- Алар суратапайт, Денисти деле жакшы карамак Венера, кантсе да чоң атасы эмеспи.

- Ийи, менин ата-энемди бага албайт дегени турасыңбы, алардын менден башка эч кимиси жок экенин билсең да билгиң келбейт, мени кандай кылып чоңойтушпады, эми экөө жалгыз отурушат, жок дегенде жээнин эрмек кылса болбойбу, акыры биздин балабыз да? - Венера Албертке таарына көзүн жаштап калганда ал:

- Макул эми, берсең бер, төрөгүчө иштейм деп кыйналып калба?

- Кыйналбайм этпейм! - Экөө ошентип атып акыры чечишти да Венера ата-энесине жөнөдү. Баласына керек болоорун айтып бир топ акча алып көтөрүнүп келип калган кызын кубана тозуп алышты. Бара-бара эл катары болуп баратканына ичтен сүйүнүп ата-энесинин колуна акча берди.

- Менин себимди алып барасыңар, дагы берем, экини төрөгүчө төркүнү төшөк апкелбейт деген кепке калдым, эми элдин көзүнө көрүнүп адамча жашасаңар, - Венера аларга акыл да айтып, таарыныч кыла сүйлөдү.

- Ооба кызым, атаңдын иниси кечээ келип кетти, жардам беребиз дейт, алар ичпей калганына сүйүнүп калышты, - Канышай жетине албай кызына божурады, - Сени бизге кудай кыз кылып бербей эркек болгонуңда не кызым, атаң мага айтпаган менен уул бала жок, артымда туяк калбайт деп эле ичип жүрдү, мен түшүнүп эле турам, кантейин сени берип койгонуна да шүгүр!

- Апа, мен эрте кетишим керек, Денисти алып калгыла, ал бул жерде болсо мен тез-тез келип турам.

- Мейли кызым, ушуну бизге эрмек кылып берсең атаң экөөбүз талашып эрмектеп оңуп калалы, - Канышай Денисти өпкүлөп кубанып атты, - Садагасы кетейиним ий!

- Атам иштеп калдыбы?

- Ооба, сугатка иштеп калды.

- Жакшы болгон тура, силерди ойлоп жаман намыстанчу элем, эми көңүлүм тынып калбадыбы, Алберттин алдында башымды өйдө көтөрүп жүрөйүн.

- Ошент кагылайын, Алберт жакшы, көп эле ага сүйлөй бербе, ата-энеси укса ичи кетип калат кызым.

- Мен Албертти бир сүйлөтпөйм, жанагы өгөй энесинин катыгын берет элем, силер эчтеке бербей сөзүм кыска болуп жатпайбы?

- Кантесиң кызым, сен өзүң эне болуп калдың, өгөйбү өзбү баары бир эне да, антпей жүр, анын кусуруна каласың.

- Ошого кусурду байлап койуптурбу, негедир ошону жаман көрөм! - Венера мурчуңдап алды, - Өзүнүкү болсо унчукпайт болчумун.

- Кой балам, андай дебе, мына бул балаң турат, сен да бир кезде кайнене болосуң, улууга эмне кылсаң, ошону көрөсүң, этиеттеп мамиле кыл, кайнатаң билип калса жаман көрүп калат, бар эми жолдон калбай, бу жаманды болсо бизге койуп кой! - деп кызын өөп узата карап турду: "Өтө тилдүү балаң кургур, кайнене дегенди антип кордобосо болот эле, өзү кийин балдарына батаарын ойлосо минтпейт болчу, азыр бала эле бойдон" деп ойлуу тура берди, колунда небереси анын кулактарын чойуп, чачын жулуп, бетин чымчып, тытып: "ап-па, ап-па" деп атты, ага ого бетер элжиреп жан алы калбай, - Секетиң кетейин жөжөм ий, эрмегим го менин, кудайым берип койгон го ушуну! - деп өзүңчө турганда коңшусу басып келди.

- Небереңди эркелетип эле атасың, эмне таштап кеттиби?

- Ооба, иштейм дейт, заводко кириптир.

- Жакшы болгон тура.

- Ооба, иштей берсин, жаштар да күйөөсү окуп дагы, иштеп дагы жатпайбы, атасы иштебей эле окуй бер десе болбой койуптур.

- Эстүү бала экен анда, Венеранын бактысы бар экен, кайнатаса башкарма деди беле?

- Ооба, жакшы кишилер.. .

- Жолдош ыраса ичпей калды ээ, антпесе куда-кудагыйга кеп болот элеңер.

- Ичпей калды, кудайга шүгүр, өзүнө ынсап берди окшойт, - Канышай небереси ыйлап ийгенинен үйүнө карай басты.

- Атаны байкуш ай, көптөн бери баладан четтеп калганга кыйналасың эми, эмчектен чыгышы да кыйын жаман эми.

- Эптеп көндүрөм да, - Канышай аны менен сүйлөшкүсү келбей кирип кетти. Кечке маал Жолдош келип Денисти колуна алып көтөрүп жүрдү, негедир ал ооруп жүргөндөй өңү кер сары болуп кеткенин көргөн Канышай боору ооруп алды. Ал өзү сыр бербейт. Жумуш оор деле эмес эле. Болгону өмүр бойу ичип жүрүп дароо токтотконго алсырап ичи ысый берчү болгон. Венера эвинчисин дагы уул төрөдү. Азимбү шаарга келип, жетине албай көтөрүнүп алып келинине чын пейли менен:

- Жаш төрөгөн аял жылуу жумшак отуруп жакшылап тыңыш керек балам, жашыңда билбей жүрүп оорукчан болуп калба, - деди, Канышай да биерде болчу, Алберт отурган жанында.

- Сиз төрөбөсөңүз эмнени билет элеңиз, жөн эле сүйлөй бербеңизчи! - Венера аны кагып койгондо Азимбү тыз этип жүрөгүнө капысынан бирөө бычак сайып алгандай бозоро түштү.

- Кантет, ал эмнең ой кыз, улуу кишиге минтпей жүр дебедим беле? - Канышай кызынын кыял жоругуна уялып кетти.

- Венера, апам туура айтып жатат, сен аны туура кабыл албай жаман көрөсүң да, антпей жүр экинчи! - Алберт Венерага жини келе карады, - Сен минте берсең он бала төрөп берсең да турбайм! - ал ордунан тура калганда Азимбү шашып калды:

- Кой балам, мен үчүн жылуу уяңарды бузбагыла, мен куруйун, өзүмө кеп келээрин билбей эле сүйлөп албадымбы? - деп шуу үшкүрүнүп алды. Канышай кызын акшыя карады.

- "Эне көргөн кыз эмес, өтүк кийген бут эмес" дегендей ал эмне кылганың, ушуларды сыйласаң анан бизди сыйла, эгер буларды сыйлабасаң эрте эле балам жок деп арман кылып жүргөн бизбиз, сенден кечип койобуз! - деди катуу.

- Эмне эле баарыңар мага асыласыңар, төрөбөгөн аялдын сөзүн сүйлөп, мен ушул аялды жек көрөм, уктуңарбы?! - Венера бакырып жиберди, Азимбү акырын турду да чыгып кетти. Анын жүрөгү кышкы аязда тоңуп чүрүшүп калган жалбырактай диртилдеп таксиге араң отурду да, айылга кеч күүгүмдө жетти. Шабдан үйдө экен.

- Ой эмне, барып эле кайра келдиңби, балдар жакшы турушабы, неберебиз кандай экен? - деп сурамжылап кирди.

- Баары жакшы, өзүм ооруп эле баса бердим, жолдо кыйналдым окшойт, - Азимбү унчукпай жатып алып дары ичип бир аздан кийин кайра турду. Адилет дагы шаарга кеткен.

- Оорусаң жатып эс ал, - деди Шабдан, ал келининин кыялын аз да болсо билип калган. Бир жолу келгенде Алберт экөө төркү бөлмөдө отуруп чукулдашып жатканда капысынан угуп калган эле: "Ушул апа сөрөйүңдү көргүм келбейт, кыжырым эле келе берет, экинчи биякка келбейм.. . " Венера ыйлагандай болду: "Ал сага эмне кылды, балам дегенден башка айтпайт го, эмнеге ушинте бересиң Венера, төрөбөсө дагы бизди өзүнүн баласындай көрөт, сага эмнеси жакпайт билбейм" деп Алберт кейип жатканын өз кулагы менен угуп басып кеткен эле: "Келин жакшы эмес-с, бирдеке деген экен, бул эчтеке айтпайт, сураганда эмне, катуу бирдеме деген го?" деп ойлуу отура берди. Азимбү туруп кечкиге жаңы эттен тамак жасамак болду. Кечээ эле шаарга баратканда бир кой сойуп келин уулуна жарты этин жеткирип келген.

- Гүлсанадан кабар болбой кетти, ал окуусун сырттан окуй турган болуптур го? - деди көптөн кийин, - Кыязы кош каат болсо керек.

- Оозуңа май кемпир, ошо кызымдын баласын алып эрмек кылбасак болбойт, Денисти да бербей койушту.

- Адилетим үйлөнсө колубузда болот да, ошонун баласын эрмек кылабыз, Гүлсананын баласын бизге бермек беле? - Азимбү жылмайып алды.

- Азыркы кыздар кыйын болуп калбадыбы, кайната кайненесине бербей өзүнүкүнө берип, ал да ошентет да? - Шабдан тамашага чалып Азимбүнү күлдүрмөк болуп атты.

- Мейли, Гүлсанам балалуу болсо барып алып өзүм чоңойтуп берем, өзү менен өзү болсун чал, алардын баласын эмне кыласың, аман-эсен көз жарып алса олжобуз ошол.

- Ооба, ооба кемпир, туура айтасың кемпир, кыз барган жеринде тынч жашап бакыбат өмүр сүрсө болду, көпөлөгүм десе, ушунун чоңойгоунун сезбепмин деги.

- Кыз бала ошо турбайбы, - Азимбү жумушун жасап жатып сүйлөй берди.

Ошол жылы Гүлсана кыз төрөдү. Кайненеси Мариякан ага асыла баштаган эле. Бирок Гүлсана унчукпайт: "ушуну менен түбөлүк калмак белем, өзүбүзчө жашап кетебиз, Жоробекке ачык эле айтам" деп ойлогон менен ага айта албады. Төрөгөндөн кийин Мариякан баланы өзүнө имерип көп эмизбей, буламык жасап берип, сүт ичирип койуп эмчекти үч айында эле эмбей калды, тойуп алган бала эмчегин карабай уктап калганда:

- Гүлсана тиги үйдүн ичин бир жакшылып тазалап чыкчы, көптөн бери каралбай чаң болуп кетти, - деп калды. Гүлсана үндөбөй ал үйдү сүрүп тазалап, серванттын ичиндеги идиш-аяктарды жууп тазалап жүрүп келсе дале уктап жатат.

- Ыйлаган жокпу? - деп сураса:

- Ыйлаган деле жок, сен эми кир-когуңду жууй сал, кеч кире электе анан тамак жасайсың, колуң бошобойт, - деп кайра жумшады.

- Апа ыйласа айтып койуңузчу, эмчегиме сүт толуп ооруп жатат.

- Мейли ыйласа эле айтам, дегеле козголбой уктап жатпайбы берекем! - деп койду Мариякан. Анын ойунда: "баланы өзүм багып калам, эгер ата-энесин таап алса баланы бербей койом" деген ойуу бар эле. Ошол күнү дегеле эмизе албады, Жоробек шаарда болчу. Улам кардын тойгузуп, ороп чулгап койуп жанында отура берди, айласы кеткен Гүлсана келип баласынын тумшугуна колун койуп караса дем алып жатат: "Ой тобо-о, ушунча да уктайбы, карды ачты го" деп ойлоп баланы өзү ойготуп эмизмек болгондо келе жаткан Мариякан:

- Ой тим кой, мен ага с-сонун кылып буламык берип койдум, курсагы ток болот да, - деди.

- Эмчегим минтсе байып кетет да?

- Эчтеке болбойт, эмчектен чыгып кетсе өзүм багам, сен эриң менен шаарга кетип иштей бер! - Мариякан ушинткенде Гүлсана укчукпай калды. Ошол күнү Азимбү атайын кызына учурашуу үчүн келип калды. Ал небересин өөп, алдына алаары менен Мариякан келип колунан баланы алды да:

- Кудагый, келгенде сый көрүп эле жай отуруп кет, баланы эмне кыласың, ал азыр уктай берет, - деди эле Азимбү томсоро түштү.

- Капырай, бир аз алып отуруп жыттап алайын дебедим беле кудагый, баланын деми канчалык кубат.. . - деди эле ал кергиштей:

- Оо-ой кокуй кудагый, дагы эле жаш экенсиң. Өзүңө кудай буйрубагандан кийин бирөөнүн баласы бала болуп бермекпи, андан көрө сүйлөшүп отуралы, өткөн кеткенден айтып эрмектешели.

- Менин андайга шыгым жок, Гүлсана окуусун сырттан окуй турган болуптур, билип кел дегенинен келе калгам, сыйыңа ыраазымын! - ордунан турганда Гүлсана кирип келип:

- Апа, кетесизби? - деди элейе карап.

- Кетейин балам, сени, уулуңду көрүп көөнүм тынды, башка эмне керек, менин көңүлүмдү жалгыз гана бала көтөрөт, төрөбөсөм да силерди кубат кылып жашап жүрөм, - деп атына минмек болгондо Мариям:

- Кудагый, ушул жерде өгөйлүгүңдү кылбай койсоң болмок, отуруп сыйыбызды көрүп кет десем болбодуң, - деди эле Азимбү аны карап башын чайкап:

- Төрөбөгөн аялдын сыры өзүңө да маалым, же сенин жүрөгүң жокпу, сен дагы мендей эле бирөөнүн баласына телинип жүргөнүңдү билбей калды дейсиңби? - деп атына минип бастырып кетти.

Ал кетээри менен албууттана Гүлсана асылды:

- Сен менин Жоробекти багып алганымды энеңе айткансың го, бул айылдан бирөө да мени минтип кемсинтчү эмес! - деп алкылдаганда Гүлсана акырын гана:

- Мен кайдан билем, сиз Жоробекти багып алдыңыз беле? - деп кайра өзүнөн сураганда эмне кылаарын билбей туруп калды. Гүлсана дагы билмексен боло өз ишине киришти. Мариякан туталанып өзүнчө кыжаалат болуп жүрдү: "Ырас эле анын төрөбөгөнүн эмнеге айтам ыя, акылсыз аялмын, өз айбымды чукуп алдым, өзүмдө турат бир айып, кимге барам кыңырайып дегендей" деп ызаланып ыйлап да алды. Ысмандын ошол кезде жаш келин менен жүргөнүн угуп калган, аны биле албай далбастап жаткан бочлу. Ал Мариякандын төрөбөй калганын билгенден кийин дагы бир, эки жолу кетип калган эле. Мариякан ойго тоого жүгүрүп жүрүп аны өзүнөн кеткис кылганын эстеп, эмне кылсам, Ысман баары бир анысынын бойуна болсо эле ажырашат мени менен. Кетирбес үчүн дагы бир аракет кылсамбы же алдап кетпеске кам көрсөмбү? - деп жандалбас кылып ойлоп атып башы ооруду. Жатып алып дары ичип жатканда Ысман келди, аны көрүп онтоп кирди:

- Оо кудай ай, шорум көп экен го, ушундан көрө алсаң алчы деги!

- Эмне болду анчалык? - Ысман анын сырын жакшы билгендиктен коомайлана отура калып сурады.

- Ысман менин кан басымым көтөрүлүп кетиптир, дары ичип зорго эс алдым, - Мариякан ордунан туруп отурду да, - Сени менен ачык сүйлөшпөсөм болбойт, - деп ага тигилди, ал жалган деп танаар бекен деген ойдо болчу.

- Эмне дегени турасың?

- Эмне демек элем, мен баарын билем Ысман, ошол келин төрөп берсе жакшы, анда мен тынч эле кете берейин, сельсовет башың менен күндө бирөөнүн эшигине барбай нике кыйдырып ал, үйгө алып кел!

- Сен турганда ал биерге келбейт да? - Ысман дароо эле ойун айтканда ыйлап кирди:

- Мени өмүр бойу таштабайм деген элең го, сага ишенип бирөөнүн баласын алпештеп багып канча эмгек кылдым, жалынып жалбардым, көрсө сенин арам ойуңда эртедир кечтир төрөгөн аял алуу бар экен да?

- Эми эмне кыл дейсиң, ала кушту атынан айт деп баары бир менин баласыз экеним айтылып калат экен, кудай берип бир балалуу болуп калсам кана, сен мага ыраазы бол, эчтекеден кем кылган жокмун, жаман айтпадым, бала күтүп отуз жылдан ашык жашап, айтканың менен болдум, эми менин балалуу болушума каршылык кылба, жакшылыкча алаарыңды алып өз жашооңду көр! - Ысман отурган жеринде карабай туруп айтты. Мариякан унчукпады: "Ушундай болмок эле болду, мындан артык кандай сөз болуш керек, эми менин кармалаар эчтекем калган жок" деп телмирип отуруп калды. Ысман эшикке чыгып кетти. Гүлсана баласын коляскага салып алып казанга тамак жасап жаткан. Келинин бир карап алды да небересин колуна алды:

- Ээ Аскарчик, Аскар, кандай уулум? - деп өөп көтөрүп алып басып жүрө берди, - Менин уулум жакшы-ы жигит болот, атасын тааныйт!

- Ата чай ичкиле! - деди Гүлсана көптөн кийин.

- Азыр балам, апаңды да айтып кой!

Ооба, - Гүлсана өз бөлмөсүндө отурган Марияканды чакырмак болуп баш багып, - Апа тамак даяр болуп калды, келиңиз! - деди босогодон эле. Ал үн чыгарган жок. Көптөн кийин келип дасторконго отуруп унчукпай тамагын ичип туруп кетти. Гүлсана идиш-аягын жууп алгыча Ысман баланы эркелетип көтөрүп жүрдү. Ал киргенде Мариякан өзүнүн ойун Ысманга айтмак болду эле ал ары карап жатып алды, өзүнүн аргасыздыгын сезген Мариякан:

- Ысман, ушунчалык эле мени жек көрүп калдыңбы, мен сени менен кеңешейин десем уга турган кейпиң жок, - деди жай.

- Айта бер угайын.

- Мен эми төркүнүмө бармак белем, Жоробектер менен өзүмчө бөлүнүп жашай берейин.. .

- Аны уул-келин менен кеңеш, бирок биз заксты кестиришибиз керек!

- Мейли Ысман, сени кармап калам деп ушул баланы бактым эле, аргам жок, балдар менен жашаганыма тардык кылба.

- Өзүң бил.

- Ыраазымын.. . - Экөө тең унчукпай калды. Экөө бир кезде бир биринен айрылбас үчүн үйлөнүшкөн, ортодо бала болбогон соң бөлүнүүгө туура келгенин сезишти, Мариям түнү бойу ыйлап ойлонуп чыкты: "Жоробек келсе кеңешип шаарга кетип калайын, эмгегим бар, бир үй сатып алалы да жашай берем, мейли балалуу болсо болсун, кийин дагы мага өктөө, тарынычы болбосун" деп ойлонуп Гүлсанага кошомат кылып жашоону чечти: "Өз балам болбогондон кийин антпеске аргам жок, Азимбү акылдуу аял тура, мен алаңгазар, акылы жок жаным, Жоробек турганда балам жок дебейт деп жүргөнүмдү кара, ошону менен баары унутулуп жашай беребиз деп ойлогонум го" деп ойлонуп жатып уктап калды. Ошондон беш алты күн өткөндөн кийин эле Жоробек келип калды. Ысман Мариякан айткандан кийин ойлонуп там алып берип алар менен бирге Марияканды чогуу коймок болуп баарын даярдап койгон. Андан кийин Марияканды ээрчитип барып ажырашуу кагазына кол койдурду да өзү шаарга көчүрүп келди. Мариякан аргасыз ичи туз куйгандай ачышып сыр билгизбей жөнөп кетти. Эмне кылмак, Ысман ага айтчусун айтты, түшүндүрдү. Ал баягыдай Гүлсанага сүйлөбөй калды, керээли кечке Аскарды карап, эшикке сейилдетип көтөрүп келет, кечкисин келин-уулу келээрде газга тамак жасап даярдап койуп, баланы уктатып күтүп отуруп калат. Гүлсана ыймандуу келин, кир-когун ага жуудурбай жумушунан келгенден кийин жууп анан жатат. Мариякан аяйт.

Ысман алар кеткенден кийин эле Сайраканды алып келип алган, анын бойунда бар болчу. тууган уругу кубанып тойчук өткөрүштү. Жоробек менен Гүлсана барып келишти. Мариякан Аскарды алып калган, ал жөрмөлөп жаны тынбай жаткан кези эле, ичи туз куйгандай ачышып жай алалбай жаман алда болуп жүрдү, үч-төрт күндө келип калышты. Алардан эч нерсе сурабады, алар эч нерсе деп айтышпады, бир бирине сый гана мамиледе болуп ошол бойдон жашай беришти. Гүлсана сырттан окуп бүтүп мугалим болуп ишке кирди, Жоробек бир мекемеге жумушка кирип ойдогудай жашоо өтүп жатты. Мариякан Жоробектин апасы келгенде мурункудай секирип, кыр көрсөткөнүн койуп аны сыйлап, сыр бөлүшүп калчу болду. Андан Сайранын эркек төрөгөнүн укту, өзүнүн төрөбөгөнүнө дагы бир жолу өкүнүп алды ичинен. Жоробек менен Гүлсана абдан ынтымактуу, үч балалуу болуп калды. Марияканды сыйлап, балдарын багып отурганына экөө тең ыраазы: "Кантсе да жакшы аялдын тарбиясын алган да, мындан башка келин болсо батыраар беле ким билет", деп өзүнүн ушул турмушуна ыраазы болуп калган.

Арадан бир топ жыл өтүп Шабдан дүйнөдөн өтүп кеткен. Адилет төрт балалуу болуп калды. Балдарды багып кирип чыгып жүргөн Азимбүнү келини Сезим анча жактырбай анын кылганын кайра өзү кылып аны кагажынта баштады. Адилет баягысындай эле апалап көңүлүнө караган менен Сезим ага жамандап жүрүп эне баланы бара бара бир бирине кайраштырып койчу болду. Каңырыгы түтөп, зээни кейиген Азимбү бир күнү Адилетке:

- Балам, мен картайдым, силерге ашка жүк, башка жүк болбой кетейин, кудайга шүгүр, эр жетип бала-чакалуу болдуңар, мага жооп бер кагылайын.. . - деди үнү каргылдана.

- Эмнеге, карыганда жалгыз калбай менин төрүмдө эле отуруңуз, бул сиздин үй, кайда барат элеңиз?

- Кызыксың Адилет кетксиси келсе тим кой да, өз энең болсо минтпейт болчу, сенин тың жашаганыңды көрө албаган үчүн ошентип жатат да, - Сезим ортодон чыга калып ушинткенде Адилет аны чаап жиберди.

- Сенде деле эне бар го, деги кандай немесиң, менин апамдын ордун ушу киши басып бизди тарбиялап баккан, билсең мен ошон үчүн да карыздармын, менин тентектигиме, кыял жоругума чыдап, чекемден чертпей өстүргөн ушул апам, эгер апама бир деке десең бул үйдө отурба, балдарды кааласаң ташта, каалабасаң алып кет! - Ачуусу менен дагы чаап, чаап ийгенде:

- Кетсе кетем, кайдагы бир как башты бага турган алым жок, сен ошону бага турган катын алып ал! - деп тилин тартпай ички үйүнө кирип кийим-кечесин жыйыштырып жатканда Азимбү мурунтан даярдап койгондорун алды да:

- Кой айланайындар, жылуу очогуңарды бузбагыла, мен эле кетейин, өлбөсөм бир күндү көрөөрмүн, анда-санда кабар алып койсоңор болду, Адилет балдарыңды өзүңдөн алыстатпа балам! - деди да короодон ичи сыйрыла чыгып баратып артын бир карап алды. Адилет менен Сезимдин урушканы угулуп турду.

- Ошо как баштын таламын талашып мени уруп жатасың, бар ошону багып жата бер!

- Эй, түшүнсөң боло бир, мени төрт-беш жашымдан бакты, өз апамды элестете да албайм, кандай боору таш немесиң, сенин апаңды бирөө ошентсе жакшы көрөт белең? - Адилет күйүп бышып атты.

- Менин апам как баш эмес, май баш, жети баласы бар, ошондой шүмшүк бекен? - Сезим ого бетер ажылдай бергенинен Адилет эшикке чыгып Азимбүнү караса ал жолдо кетип жаткан экен, артынан жүгүрүп жетип түйүнчөгүн алды да үйүнө жеткирди. Агасы Болоткан да бул кезде карып пенсияда, кез-кез ооруп төшөккө жата калып жүргөн. Азимбү үйүнө келгенден кийин барып келди, аларга эчтеке деп айткан жок, Үргүл аны сыйлап кичүү келинине тамак астырды. Ошондо гана Азимбү жеңесине болгон ишти айтып берип:

- Ээ жеңе, ушундай болду, жашым өттү, эми тынч кана өз оокатымды жасап, күнүмдү көрөйүн.. .

- Эмне кыласың анан, айла жок экен да, эми сен жалгыз тамда жашабай эле биздин үйдө бол, ооруп сыркап калсаң да кыйналасың.

- Жо-ок жеңе, балдар сүйөбү, сүйбөйбү өзүмчө эле жашайын, бири кем дүйнөнүн азилинен азабын көп тарттым, эми кудайдын маңдайыма жазганын көрө берейин.. . Азимбү көз кычыгына келе калган жашын аарчып муңканып алды. Үргүл унчуккан жок. Небересин кошуп берип май сүзмөсүн көтөртүп жиберди, келсе Адилет күтүп туруптур, бир уй, эки эчки, беш койду айдап алып, өзүнүн жасаган шырдагы менен жаңы жуурканын кийим-кечесин атка артып келиптир.

- Апа, мени кечир, өзүм келип турам, жаманга теңелбе дечү элеңиз го, арга жок төрт балам үчүн аны кетире албадым, улуусу чоңойуп калды.. .

- Билем уулум, ыраазымын сага, ылайым бактылуу бол, - Азимбү аны бетинен өөп манайы ачык жөнөттү: "Менин кейип турганымды көрбөсүн, эмнеси болсо да аман болсун" деп ойлоду ичинен. Шабдан өлөөрүндө эки баласына: "балдарым, апаңарды кейитпегиле, кокус ошондой боло турган болсо энчисин сөзсүз бергиле, силерде менден да көбүрөөк мээнети бар" деген эле. Адилет атасынын сөзүн аткарып айткандарын алып жөнөгөндө дагы:

- Баарын эле алпарып берип кой да, өлөсөлүү кемпирге булардын эмне кереги бар? - деп ажылдады эле:

- Оозуңду басып калчы, дагы сендей келесоолорго бала берип койот тура, жакшынын бир жери кем дегендей анын төрөбөгөн гана айыбы! - деп жөнөп кеткен. Азимбү ал малды Болоткандын неберсинен айдатып ийди.

- Үйгө айдап барып малга кошуп койгула, мен карай албайм, акеме айтып кой!

- Ма-акул, - деген Ринат атка минип уйду жетелеп, жандыктарды айдап кетти.. .

Оо андан бери канча жылдар өттү, Болоткан менен Үргүл дүйнөдөн өтүп кеткен. Балдары кээ кээде келип ал абалын билип турат. Адилет кант-чайын алып, пенсиясын коротпой жеткирип берип бир эки сааттай кобурашып отуруп кетет, ал кадыресе киши болуп бул кезде балдары окуп чокуп мына эми келин алам деп турган эле. Ошол жылы жайлоодон келатып чагылган тийип өтүп кетти. Азимбү ботодой боздоп ыйлап аны узатты. Гүлсана аны алып кетейин дегенине болбоду, анткени анын колунда Мариякандын барын билет.

- Кой балам, ошол кайненеңди бага бер, андан көрө кез-кез каттап тур, өлсөм башымда отуруп апакем деп ыйлап кой, - деди, - Кайнатаң канча балалуу болду?

- Апа, ал төрт балалуу болуп калган, Сайра апабыз келип турат, кайненем менен кадимкисиндей эле сүйлөшүп калат, - Гүлсана күлүп койду.

- Жашоо баарына көндүрөт да кызым, балдарың аман-эсен чоңойо берсин, мага капа болбо, баралбай калдым.. .

- Эчтеке эмес апке, үйгө эле барсаңыз болмок, кайненем деле карыды, Жоробекти кичинесинен бакканга аны жакшы көрөт, эчтекеден кем эмес, балдар менен сейилдейт, кайра үйдө болот.

- Садагаң кетейин десе, ыймандуу бол балам, айрыкча карыны сыйласаң карыганда ызаат сыйда болосуң, - Эне бала көпкө сүйлөшүштү, ыйлап сыктап анан кетти. Алберт дагы Азимбүгө жолугуп:

- Апа, капа болбоңуз, кант чай алып келип кетейин деп кол бошобойт, чай ичип койуңуз, - деп акча берип коштошуп анан кетти. Оор улутунуп Азимбү ыйлап сыктап үйүнө келди, эш тутуп, үмүтүн улаган Адилети анын кабыргасын кайыштырып кетти. Ыйлап сыктап күн өткөрүп жүрсө бир күнү коңшусунун келини чырылдап ыйлаган эки жашар баласын алып келиптир:

- Апа, айланайын апаке, балама кирине кириптир дейт, көрүп берип койуңуз.

- Эти ысыган жокпу?

- Жок, кусуп жатат.

- Келе бери, баланы таза кармайбыз деп өзүңөр эле кыласыңар, илгерки балдар карала, торала болуп чоңойчу эле, - Азимбү баланы алып отурары менен басылып калды, - Айла-анайын десе, жакшы жигит тура, - деп киринелеп берип койду.

- Рахмат апа, - деген жаш келин баласынын ыйлабай калганына сүйүнүп жолуна түштү. Ошондон баштап Азимбүнүн үйүнө балдарын алып келип күн куру эмес, жүрөгү түшкөндү, кирине киргенди киринелеп алкыш алып көңүлү шат. Өткөндөрү көргөн түшү сымаал гана кээде ушинтип көз алдынан чубап өтүп өткөн өкүнүчтүү өмүрүнө ыраазы. Келгендер: "апа, балаңызды көрүп бериңиз" дешип келгенде кубанычы койнуна батпай калат: "Ушунуңа шүгүр жараткан" деп топук кылып калат. Ал үйүнүн алдында отурса Уялкан келип калды, ал Азимбүнүн атасы менен бир туугандын кызы, кабарын угуп калып келген эле. Аны бир жумадан кийин көчүрүп алып кетти.

***

Ырысбек унчукпай отура берди, Перизат балдарын кучактап ыйлап жатып анан:

- Ырысбек, балдарымды эки күнгө бер, биротоло алып кетпейм, алып келип берем! - деди үнү дирилдей.

- Сен мага бир суроого жооп берчи! - деди капысынан Ырысбек.

- Жообу менде болсо.. .

- Сөзсүз сенде!

- Айтып көр.. .

- Сен Айбекти менден да артык сүйөсүңбү?

- Бул эмне дегениң?

- Түз жооп бер!

- Мен аны сүйгөн эмесмин.

- Калп айтпа!

- Калп айтканым жок.

- Сүйбөсөң аны менен кетмек эмессиң!

- Зордоп алып кеткенин көргөн жок белең?

- Сүйлөшүп алгансыңар да?

- Ошентип ойлогон болсоң жаңылышасың.

- Тангың келип жатабы?

- Танбайм, бирок андай болгон эмес.

- Актанып атасың.

- Кандай ойлосоң ойло, бирок балдарымды бир эле күнгө кошуп бер!

- Алып кете бер, Айбек ушуларды өз баласындай көрсө биротоло алып кет!

- Аны мен өлтүрүп келдим, балким билинип калса камалып кетишим мүмкүн!

- Койчу, сен кантип? - Ырысбек таңдана Перизатты карап калды.

- Тажадым, үй камактан.. . - Перизат ойлуу отуруп калды, анан көзүнүн жашын төгүп отуруп болгонун айтып берди. Экөө үнсүз көпкө отурушту, эч кимисинин сөз баштоого кудурети жетпеди, Ырысбек өзү сүйүп баш кошкон келинчегинин жүзүнө улам көз кыйыгын жиберип койуп сагынганын, кандай апаат болуп өтсө дагы аны кече албасын сезди.

- Перизат, - деди анан.

- Эмне болду? - Перизат бери бурулганда негедир анын көздөрүнөн үмүт оту жангандай жалжылдай түштү, балким ал ушул учурда бир жакшы сөз күткөндүр, кечирим болоорун жүрөгү сезгендир.

- Сен мени дагы эле сүйөсүңбү? - жер карап ойлуу сурады.

- Аны сурап отуруунун эч кажети жок го дейм.

- Кереги бар!

- Эмнеге?

- Жөн жооп бер, сүйөсүңбү же мага деген сүйүүң өлгөнбү?

- Ал эмне дегениң Ырыс, ортодон эмне деген окуялар өтпөдү, сүйгөн күндө да кантип айта алам?

- Эгер дагы эле сүйсөң баарын кечирем!

- Эмне?

- Баарын кечирем Перизат, сен мендик болсоң болду, мен сенден башканы сүйүп эмес жакшы көрө албайм.

- Ырыс, эмне деп жатасың, эл эмне дейт, акем менен жеңемдерчи?

- Жашоо биздики, жүрөк меники, эч кимдин иши жок, мен өз сүйгөнүмдөн айрылып жашагым келбейт.

- Ырыс, - Перизат кубанганын сыртына чыгаргысы келбей жүрөгү лакылдап көзүнөн сүйүүнүчтүн мөлтүр жашы куйула, - мен апамдыкында болуп турайын азырынча, антпесе эл эмне дейт, мен дагы өзүмө келейин, ушул он айдын ичинде көргөн азаптуу күндөрүмдү унутууга аракет кылайын, байкап көрөлү, - деди колдору калтырай. Бул убакта балдары Перизат алып келген таттууларды жеп бажырашып бактылуу болуп ойноп аларга тоскоол болгон жок. Көптөн кийин гана Тилек келип апасын кучактай:

- Эми эч жакка кетпейсизби? - деди.

- Жок уулум, кетпейм эми, - Перизат уулун өөп, өөп алды.

- Сизди аябай сагынбадыкпы, төшөккө бекинип алып ыйлачумун, - Гүлзана дагы апасына жармашты, - Айбек аке жаман экен, экинчи келбесинчи!

- Ал эми келбейт кызым, - Сөзгө Ырысбек аралашты, - Келбес жакка кетиптир!

- Ии-ий да, - деп койду ал, келбес жакка кетиптир деген сөзгө түшүнбөсө да.

- Сизди минти-ип сүйрөп кетти ээ апа? - Тилек Перизаттын колунан кармап көрсөткөндө экөө тең унчукпай отура берди. Балдардын чечекейлери чеч болуп кубанып жатты. Бир кезде бактылуу үйбүлөө ичи жаман, көрө албастын айынан томсоруп калган балдар азыр ата-энесине улам көз салып койуп ойноп жатты.

- Кой Ырыс, мен балдарымды алып кетейин, бир азга өзүмдү оңдоп алайын, - Перизат Ырысбекке карады.

- Азыр кеч болуп калбадыбы, жол узак, балдар да чоочуп калбасын.

- Эртең менен үйдөн чыксам көргөн эл эмне дешет?

- Сен эмне башка бирөө белең, өзүмдүн аялымсың, балдарымдын энесисиң, элдин эмне иши бар?

- Ошентсе деле.. . - Перизат ордунан туруп чай койду, эркек кармаган үйдүн бей сарамжал болуп турганын сезди, шымаланып идиштерин жууп чайкап, үйүн жыйыштырды, чай кайнаганда балдарына чай берди. Ырысбек анын ар бир кыймылын жазбай карап турду: "Керилген жыйырма жетидеги сурма көз сулуу келин, эркектер кызыкпай койо турган жанбы, мейли, талашка түшкөн сулуу аялым менен сыймыктанып жашай берейин, элдин биз менен кандай иши бар, өзүбүз чечебиз да, балдарыбыз турат, ансыз да өзүм жетим өстүм, балдарымды тирүү туруп энесинин мээриминен ажыратпайм, эси болсо эми мага эмне болсо айтып турат", деп ойлонуп жатты. Перизат жумуш жасап жатып: "Ушундай айкөл адамды алмаштырдым, өзүмдөн да кетти, болбосо адегенде эле жолотпой койсом болмок, күнөө өзүмдө, бул кечирген күндө да мен өзүмдү өзүм кечире албайм го, мындан кайра жашайм деп айтат деп күткөн эмес элем, неге муну эл алдында байкуш кылдым, эркектердин арасында сөзгө калат, далай сөз угат, кантип чыдайт болду экен, бул чөгүп капаланган сайын мен дагы чөгөм, жүрөгүм сыздайт, ай кудай ай кантип жашап кете алаар экенбиз" деп жүрөгү жара тилине сыздап жатты.

- Апа жаткым келип атат, - Тилек экөөнүн тең ойлорун бузуп жиберди, селт этип алган Перизат:

- Азыр балам, төшөк салып берем, - деди.

- Тилек кел экөөбүз биякка жатабыз, - Ырысбек ары жакка өзүнчө төшөк салып аны чакырды.

- Ата, апам менен жатайынчы, сиз деле апам менен жатыңыз да! - Ырысбек менен Перизат бири бирин карап кайра көздөрүн ала качты.

- Мен дагы, мен дагы апам менен жатам! - Гүлзана Тилектин жанына келип, - Сен атам менен жат да, эркектер өзүңөрчө жаткыла, а биз апам экөөбүз бир жатабыз! - деп такылдаганда Тилек ага мойун бербей:

- Мен апам менен жатам, - деди.

- Мен дагы.

- Мен дагы.

- Болду эми, экөөңөр мени менен жатасыңар, мен силерди сагынып келбедимби? - Перизат жылмая экөөнү карады:

- Атамдычы, атамды да сагындыңызбы? - Тилек Перизатты суроолу карады.

- Сен эмне деп атасың, сөзсүз бизди сагынып келдиби, атамды да сагынат, - Гүлзана бир аз чоңураактык кылып ага үйрөтүп кирди, - чоң кишиге антип сүйлөбөйт жөн тур.

- Айбандар десе, туруп тургула эми, апаң төшөк салганда жатасыңар, - Ырысбек экөөнү карап күлүп койду. Перизат унчукпай төшөк салды да экөөнү эки жагына кучактап жатып калды. Ырысбек өзүнчө жатты, экөө эки жерде ой санаа менен олтурушуп таң атырышты. Эрте жарыкта туруп Перизат үрөң бараңда балдарды тургузмак болду эле аны Ырысбек тыйды:

- Тим кой, анан өзүм жеткирип берем, - деди.

- Ма-акул, - Ал үйдөн чыкмак болгондо:

- Азыр эрте, чоочуп калба, ананыраак эле чыксаңчы, - деди. Перизат кайра балдарынын этек жагына отуруп калды, экөө бет маңдай отурушту, бирок сөз сүйлөөгө бири да озунбады, улам көздөрү чагылыша түшүп кайра тартып алышат, ошентип отуруп таң агарып терезеден тирүүлүктүн шооласы түшө баштаганда гана Перизат үйдөн чыкты. Ал үйүнө келгенде Айнагүл эрте туруп короолорун карап жүргөн экен. Кызын көрүп утурлай басты:

- Балдарды бербей койдубу?

- Жо-ок, өзү алып келип берем деди.

- Койчу?

- Чын эле.. .

- Бечара, кең пейил, ак көңүл жигит да, карачы эми, жаман ойуу болсо мага кечээ эле айтмак, ай кызым ай, кадырына жете албадың да?

- Эми жетем!

- Эмне?

- Эми жетем кадырына, - Перизат апасын күлүмсүрөй караганда эне жүрөгү сезди, кызынын күйөөсү менен жакшылап сүйлөшкөнүн.

- Ырас болуптур кызым, бир адаштың, жаңылдың, жаза бастың, эми баарын түшүнгөндөй болдуң, - Эне кызына акыл насаат айтып үйгө ээрчитип кирди. Түшкө жакын Ырысбек балдарын ээрчитип келип калды, Айнагүл эртелеп тамагын асып күтүп жаткан эле, Перизат балдары менен оңуп калды. Ырысбек кайра кетем деп отурбай атты эле отургузуп койду. Кайненесинен уялып калып калды. Көпкө отуруп сый тамагын ичип анан жөнөгөндө Тилек менен Гүлзана жүгүрүп келип:

- Ата кетебизби? - деп жарыша сурашты.

- Ооба, силер апаңар менен калгыла.

- Апам биз менен кетпейби? - Гүлзана сурады.

- Кийин чогуу барасыңар, - Ырысбек балдарынын жанында турганда Перизат менен апасы карап койуп бер жакта күтүп жатты.

- Ата-а азыр эле кетеличи, мен биерге калбайм.

- Мен, дагы калгым келбейт, апамды алып эле кетеличи ата! - Экөө эки жагынан чыгып Ырысбекти бура бастырбай атышты.

- Тилек, Гүлзана, мени менен калгыңар келбейби? - Перизат басып келип отура калып экөөнү колунан алды, - мени жаман көрөсүңөрбү?

- Жо-ок, - Гүлзана атасын карады.

- Жо-ок, - Тилек дагы Гүлзананы туурап жооп бергенде Ырысбек:

- Силер калбасаңар апаңар кетип калат, үйгө дагы барбайт, азыр апаңар менен калгыла макулбу? - дегенде экөө унчукпай тултуйуп туруп калышты да Тилек атасына барып:

- Анан эртең апам биз менен барабы? - деди.

- Ооба, барат силер менен.

- Анда кала берелиби Тилек? - деп Гүлзана дагы сурады.

- Ооба, апам менен барабыз, - дешип калып калышты. Ырысбек аялуу буйуму калып калгандай улам артын карап койуп кетип жатты. Ал үйүнө келип жалгыз оңкулдап отура албай сыртка чыкты да бак ичин аралай ойлуу басып жүрдү. Алма өрүктөр шагын ийип эми кызара баштаган, салкын аба, жаңыдан бышып келаткан мөмө жемиштердин жыты буркурап өзгөчө көңүл эргитет. Күндүн өтүшү кыйын болду ага, күндө улам ойноп жүргөн балдарын карап койуп көңүлү ток жүрө берчү, негедир аларды кайра көргүсү келип, сагынып кеткендей болду, бүгүн эмес тээ көптөн бери көрө электей ээнсиреп турду: "Да-а, - деп алды ал, - баланы сагынбаган ата-эне болбойт, бир кезде мени күтүп, сагынаарым жок, короонун эшигин тиктеп балалыгым өтпөдү беле, анан кантип балдарымды энесинен бөлөм, анын да жүрөгү бар, балдарына төгө турган башкача мээрими бар" деп улутунуп алды. Анан бактын ичиндеги өзү жасаган жыгач сөрүгө отуруп дагы түгөнбөгөн санаанын жетегинде термелип отурганда Жоробай келип калды.

- Ырыс, үйдө элесиңби?

- Ооба аке, үйдө элемин, - Тура калып агасы менен учурашты.

- Балдар ойноп жүрүшөбү?

- Жок.. .

- Кайда кетти?

- Апасына.

- Эмне дейсиң? - Жоробай түшүнбөй кайра сурады, - Апасына дейсиңби?

- Ооба, Перизат кечээ келиптир, балдарды сагындым дейт.

- Анда уят жок экен го, кантип келди ыя? - Жоробай жини келгендей карады.

- Эне да аке, энеден балдарды бөлгөн болбойт, айбанат бала дейт анан, ал пенде да.. . - Ырысбек ойлуу жер карады.

- Сенин ордуңда мен болгондо жолотпойт элем, балдарды көрсөтпөйт болчумун!

- Анда болбой калбайбы, анын да жүрөгү бар аке, аны зордоп алып кеткенин өзүңүз укпадыңыз беле?

- Ой ал жөн эле амалдары да, баарын макулдашып алып анан ошондой кылган да, болбосо ушул убакка чейин эмнеге жүрөт анда?

- Мейли кандай болсо да энеси, балдарым ансыз томсоруп калышат экен, эненин орду башка да?

- Өзүң бил, - деди көптөн кийин Жоробай, - Алып келеби?

- Ооба алып келет.

- Алып келбей кетип калсачы?

- Кетпейт, биз кайра чогуу жашайбыз.

- Эмне дедиң, дени кардың сообу сенин? - Аны таң калып карап калды, - Ошол аялыңды жоголгон бойунча тим койуп башкага эле үйлөнүп алсаңчы?

- Ал балдарга өз энесиндей болбойт, - Ойлуу агасын карап, - Аке, мен абдан ойлондум, мен аны дагы эле сүйөм! - деди жылмая, - Мен аны сүйөм аке, ошон үчүн, балдарымдын бактысы үчүн баарына кайылмын!

- Бу келин дагы бир шойкомду баштабагай эле, тигиниси келип алып зыян кылып жүрбөсүн?

- Ал эми тигил жакта сурак берип жүрүптүр!

- Койчу, ал өлүптүрбү?

- Ооба, ажалы жеткен тура, тиги дүйнөсүн берсин, - деп койду Ырысбек, Жоробай эчтеке дебеди. Көпкө отуруп анан:

- Мен такыр унуткан турбайымбы, үйгө алып кетейин деп келбедим беле, балдар менен чогуу, кой сойгонбуз, Уялкандын эжеси келген, ошон үчүн шорпо шилең ичсин дедим эле.

- Кеттикпи? - Ырысбек агасын күлө карады, өзү да зеригип турган эле, алаксыгысы келди окшойт. Жоробай жолдо келатып Азимбү жөнүндө айтып келди. Ырысбек ойлонуп калды: "кары болобу, жаш болобу, бирөөгө кор пенделер болот экен да, мен ата-энемди көрбөй эарыгып отурсам ал кемпир балага зар экен, аттиң армандуу дүйнө, атамды аял үчүн өлтүрүптүр, менин тагдырым да ошого окшоп бей ажал өлүп кала жаздадым", деп ойлонуп баратып ошол өмүр менен өлүмдүн ортосундагы көргөнүн эстеп кетти: "Элдир, селдир какыраган ээн талаада кетип жаткан экен, бир маалда алды жагынан аппак кийинген аял менен эркек көрүнүп жанына жетип келди, уулум, сен биякка эмне келдиң, бар эрте кетип кал", деди аял жумшак колдору менен чекесинен сылай, "бар уулум кет биерден", дегенде киши дагы: "Көп токтобой артыңа кайрыл дагы тээтиги жерден өтсөң ал жагында жашыл тоолор бар, ошого кет балам, сенин азыр биякка келээр убактың боло элек" деди да көздөй кайым болду, жүгүрдүбү, учтубу белгисиз бир кезде жапжашыл чөп буралган тоонун түбүнө туш болду, күйүгүп тоонун боорунда баратканда бирөө аны ойготкондой болду, көрсө Перизат аны жулкулдатып ыйлап жаткан экен, көзүн ачмак болуп ачалбай жатканда ошолорду көргөнүн эстеп: "ошолор атам менен апам окшойт" деп оор күрсүнүп алды. Анын тунжурай түшкөнүн байкаган Жоробай:

- Сага эмне болду, ойлонуп кеттиң, минтип ойлонбой жүр, ооруп каласың, жанагы неме ошол бойдон жоголбой кайдан келе калды? - дегенде Ырысбек ага күлө карады.

- Аке, апам дагы сулуу аял беле? - деди.

- Ооба, абдан сулуу, анан өтө ишенчээк, ак көңүл келин болчу, анда эмне жапжаш эле болчу да, көп болсо акем отуздан ашкан, жеңем жыйырма беште эле.. . - Жоробай бежиреп сүйлөп жатты: "Демек сулуу аялдын жоосу өңү деген туура экен да, эми Перизатты эч жакка чыгарбайм дагы, үйгө эч кимди алып келбейм" деп ойлоду Ырысбек: "Көрсө ата-энемдин арбагы мени колдогон тура" деп акырын улутунуп алды. Алар жетип келгенде Уялкан:

- Балдар кана? - деди алардын артын карап, демейде жүгүрүп алдыга келчү балдар көрүнбөгөнгө оңкулдай.

- Алар таенесине кетиптир, - Жоробай туйугунан гана ушинтип койду, Перизатты айтса ал дагы бир топ сөз сүйлөөрүн билип.

- Ии-ий да, мейли, барса барып келсин, - Уялкан ошенткен менен: "Алар бала немелерди имерип кызына берип ийбегей эле, анда Ырысбек жинди болуп кетет го, жибербей эле койсо болчу экен" деп ойлоп алды. Үйгө киргенден кийин төрдө отурган аппак жоолук салынган жакшынакай карыны көрүп Ырысбек учураша жанына отурду. Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпегендей созулуп отурган аялга ичи жылып: "аттиң, эгер өлбөгөндө апам мындан жаш көрүнөт эле" деп өкүнө түштү. Азимбү үндөбөй чай ичип атты. Ушул кезде Ырысбектин ойуна бир нерсе кылт эте түштү: "Акеме айтып ушул кемпирди апа кылып алайын, өлгүчө сыйлап багам, үйдө кары киши болсо Перизат дагы тескери жолго түшпөйт" деп ойлоду. Конок болуп сүйлөшүп отуруп кеч кайтты үйүнө, кетпей эле жатып ал дешкенине көнбөдү. Эртеси балдарын ээрчитип Перизат келип кайра кетти. Ал көп ойлонду, мындан аркы жашоосу кандай болооруна көзү жетпей өзүнчө кыжаалат. Бирок чындаса өзү дагы Ырысбекти сүйөөрүн сезди: "Өз сүйүүмө өзүм чыккынчылык кылдым, дагы мени кечиргени турат байкуш айкөлүм, башка адам болсо балдарымды көрсөтпөй мени алыс ташка алып куумак, өтө эле кечиримдүү, кең пейил болуп жаралган экен да багыма" деп басса турса ойлоно берди. Арадан бир ай өттү, балдарын алып келип алып кетип жүрө берди.

Ырысбек Перизатты алып келээрден бир аз күн муруп агасы менен кеңешип Азимбүнү үйүнө чакырды, балдарга караан болсун деген шылтоо менен эки тентектин жанына койуп өзү жумушка кирип иштемек болуп канторго барды, келсе аны директору дароо эле алды, ал-абалын сурап эртеңден баштап иштемек болуп үйүнө кубанычтуу келди.

- Апа, балдар кыйнаган жокпу? - деп жаркылдай карады.

- Жок садага, буту-колу чыккан балдар кыйнамак тургай эрмек болуп атат.

- Ийи, сизди кыйнап койдубу деп шашып келбедимби?

- Жумушуңду бүтүрө берсең болмок балам.

- Иш бүттү дечи, эртеңден ары иштемей болдум.

- Жаш кезде иштебей анан балам, - Экөө көпкө сүйлөшүп отурушту, Ырысбек ушул кең пейил карыга өзүнүн ата-энесинин тагдырын айтып берди, өзүнүн башынан өткөнүн кеп кылып келип:

- Ушундай апа, аялым өзү да уялып үйгө келе албай жатат, менин аны кечиргеним туурабы? - деди.

- Балам, махабат деген улуу нерсе, чыныгы сүйүү устанын көөрүгүндөй, кабылган адамды кайрып алат, чыдаган тилегине жетет, чыдабаган өз максатынан кайтып шалаакы жашоого бой урат, эгер экөөң бир бириңди сүйгөн болсоң айыбы жок, пенде ар түрдүү, ар кимдин ар башка түшүнүгү болот, ошонун баарына чыдаш керек, ошондо гана жеңесиңер!

- Ыраазымын апа, сиздин айтканыңыз туура, мен да көп ойлондум, көтөрүмдүү болуп ушакка көңүл бурбай койсок баарын жеңебиз ээ? - Ырысбек кубанычтуу карады.

- Ананчы уулум: "чыдаган жетет муратка, чыдабаган калат уятка" деген сөз бекеринен айтылган эмес да.

- Ооба, мен сүйүүм үчүн кечиримдүү болушум керек, балдарым апасынан ажырабасын, өзүмдүн эне мээримин көрбөй өскөнүм жетээр.. .

Азимбү Ырысбекти жылмая карап турду: "бири кем дүйнө ай, мен бир перзент деп жүрүп соолуп баратам, мынабу бала ата-эненин зарын тарткан тура, чиркин ай, ушундай эле бир балам болгондо эмне" деп умсунунп алды. Гүлзана менен Тилек келип калды, Ырысбек өзү тамак жасап төртөө чогуу отуруп тамактанышты. Азимбүнү тегеректеп Гүлзана менен Тилек жомок айтып бер дешип болбой атканда Ырысбек:

- Кой, апамын жанын койосуңарбы, эс алсын, - деди.

- Жо-ок, чоң апам өзү жомок айтып берем дебедиби?

- Ата, жомок уга берели да-а, чоң апам айтып берем дейт, - Гүлзана атасына эркелей сүйлөдү.

- Тим койчу балам, айтса айтып берейин, баланын шагын сындырбайын, - деди Азимбү.

- Тынч отуруп уккула, сүйлөп тажатпагыла.

- Ооба, тынч отурабыз ээ эже, - Тилек болбой эле компойо отуруп калды.

- Илгери, илгери Каргабай деген бай болуптур, анын төрт түлүк малы жер жайнап, жан-жаныбардын тилин билчү экен. Анын бир кедей досу болуптур, алардын дос болуп калышы мындай болуптур. Кедей капкан салып ар кандай жаныбарларды кармап, терисин сатып оокат кылчу экен. Бир жолу капканга бир карга түшүп калыптыр, жини келген кедей:

- Ушу сенин башыңды жулуп салбасам элеби? - деп аны капкандан чыгарып башын жулмак болгондо:

- Жан кыйба досум, жан кыйба! - деп каргага тил бүтүп калат, адегенде чоочуп кеткен кедей сүйлөгөн карганы сынап карап:

- Сен менин жечү тамагымдан ажыраттың, сен түшпөгөндө түлкү же карышкыр түшөт эле, терисин сатмакмын, - дейт.

- Мен сага байлык берем, койо бер мени, - дейт карга.

- Сени кайдан табам?

- Ушу кокту менен кете берсең кыдырата тигилген боз үйлөр бар, ошолордун тең ортосунда үйлөрдөн айырмаланган чоң боз үй турат, ошого барсаң мени табасың, - дейт.

- Болуптур анда, достукту баалай билсең барам, - деп кедей дароо эле жөнөйт. Кете берет, кете берет, жол бойунда толгон мал жайылып жүргөнүн көрөт. Чатырды көрүп ага барат да:

- Бул кимдин малы? - дейт.

- Каргабайдын.

- Ии-ии, тапкан экемин, - деп кете берет, анан уйчумандарга жолугат, алардан сураса да Каргабайдыкы дешет. Акыры төө кайтаргандарга жетет:

- Кимдин төөсү? - дейт кедей.

- Каргабайдын, - дешкенде ал:

- Аа-а таптым, - дейт.

- Кимди таптың?

- Каргабай досумду.

- Каргабай досуңдан эмне сураганы барасың? - дейт бири ага.

- Бергенин алам, - деди тигил камырабай.

- Бергенин албай куруп кал, анын дасторкону бар, ошол дасторконду сура, - дешет төөчүлөр.

- Макул, - деп Каргабайдын өргөөсүнө жетет. Аны бай абдан сыйлап кетээринде:

- Досум, жакшылыкка жакшылык деген, төрт түлүк малымдан ал, - дейт.

- Жо-ок, мага жайыл дасторконуңду берсең болду.

- Ат-таң аа-а, болбостур эми, ал досум, - Бай ары карап ыйлап, бери карап күлүп жайыл дасторконун берет кедейге. Кедей кем акыл эле. Ал жолдо келатып жайыл дасторконду ойноп жаткан балдарга берип:

- Жайыл дасторкон дебей тургула, мен азыр келем, - деп ары барып кайра келет. Балдар дасторконун алмаштырып койот, ал билбей басып кетип үйүнө келип кемпирине:

- Кудай берди кемпир, отун алып, от жакпай оокат жеп жыргай турган болдук буйруса, шыпыр үйдү, - деп дасторконун жайып: "жайыл дасторкон!" десе эчтеке жок, бир айтат, эки айтат жок, үч айтканда козголбогон соң байга барат:

- Ой эмне болду дос?

- Сен мени алдапсың, достукка жарабайт экенсиң.

- Анда малдан ал, алтын күмүш мындан ал, - дейт бай.

- Жо-ок, чыч эшегиң бар экен ошону бер!

- Айла жок, бербесем болбойт, - деген бай сураганын берип узатат. Келатып баягы балдарга дагы жолугуп:

- Чыч эшек дебей тургула, - деп кетет.

Балдар ал кайра келгиче дагы алмаштырып койот. Кедей:

- Чыч эшек деген жоксуңарбы? - дейт.

- Жок, - деп кала беришет. Үйүнө келип:

- Кемпир ач эшикти, төрөтөлү эшекти, төрт түлүк мал багып жанды кыйнабай, базардан азык биз албай оңгону калдык, - деп эшегине, - Чыч, чыч эшек, берчүңдү бер эшек, - деп чапса да жок. Жинденип кайра жөнөйт досуна, бул жолу ачуусу келип урушмак болуп керсейет:

- Дос болом деген өзүңсүң, карганын кара көзүсүң, жулуп койбой ошондо, башыңды жерден көрмөксүң, алдаймын дебе сен мени, эми түшсөң капканга, чукуймун кара көзүңдү! - деп босогодон өтпөй туруп алат.

- Каалаганыңды айт аткарам, - дейт айласы кеткен бай, - төрт түлүк малымдан ал, тез айт, - дейт.

- Эми болгону ур-токмогуңду берсең болду, - дейт кедей.

- Ал, сенден аябайм, сураганыңды ал, - дейт Каргабай, аргасыз, ары карап ыйлап, бери карап күлүп акыры ур-токмогун берет. Кедей келатса баягы балдар шылдыңдап күлүп турат, аларды көргөн кедей:

- Ой балдар муну дагы кармап тургуда, ур-токмок дебей тургула, - деп басып кетет. Кайра келсе баягы балдарды ур-токмок сабап жатат дейт, кедейди көргөн балдар:

- Ата, ата ур-токмокту кой деңиз, жайыл дасторкон менен чыч эшек бизде, - деп жалдырашат. Кедей алардын айтканына таңгалып:

- Качан бересиңер? - дейт.

- Азыр, токтото гөр атаке, - деп ыйлап киришет. Ошондо кедей ичинен ыраазы болуп:

- Токто токмок токтогун,

Мынча тентек болбогун.

Жоготконум табылды,

Балдарды өлтүрүп койбогун, - деп таяктын учунан кармаганда ур-токмок тып токтоп калат да балдардын бирин кармап калат, балдар жүгүрүп кетип заматта жайыл дасторкон менен чыч эшекти алып келип беришет. Ошентип кедей кубанып үйүнө жөнөйт, кемпири наалыйт:

- Жайыл дасторкон деп ооруп калдың,

Кайдагы бир чыч эшекти таптың.

Жомокто гана болчу эле алар,

Мынча эле неге бүгүн далбастадың, - деди.

- Ээ кемпир, айтканым нукура чындык,

Тиги коңшуң көрсө чычалашы анык.

Жайыл дасторконду жайсак,

Чыч эшектин тыйындары менен байып,

Элде жок байлыкты жыйсак, ошондо ишенээр белең? - деп үйүнө кирип эле, - Жайыл дасторкон, жайыл! - дегенде үстүнө дүйүм тамактын түрү толуп калат. Кемпири эси ооп жыгылат. Эс алдырып чыч эшекти: "чыч эшек, чыч!" десе жалаң алтын тыйындарды жаадырат, кемпири тыйындарды кучактап алып ыйлайт:

- Мен жүрдүм ачка кемшийип,

Сен жүрөсүң досуң берген этке семирип.

Эми буларды мага бергин,

Эки-үч күн жатайын бир керилип, - деп жашап калышат, мына балдарым, ошентип капкан салып жүрүп канаттууга айланган бай адамга жолугуп багы ачылып, жыргап куунап жашап калышыптыр.. . . - дегенде Тилек башын көтөрүп:

- Ой-ий чоң апа, укмуш сонун жомок экен, мен болсом карыган кишинин эчтекесин бекитпейм.

- Албаш керек да, алар кедейди убара кылыптыр, - деди Гүлзана. Ошентип бабырашып жомок угуп отуруп уйкулары келип ордуларына жатып уйкуга кирди.

Ырысбек үйүнө Перизатты алып келмек болгон, экөө тең терең ойлонуп бүткөндөй болду, көрсө экөөндө тең сүйүү бар экен, бири бирин кыялбаган жалындаган махабаттын күчү баарын унутууга жардам берди. Көрсө махабаттын улуу касиети жакшылыкка гана үндөп, кек калтырбай жүрөктү жалаң сүйүү деген назик сөз менен тазалап, бүт тулкуңду арам ойдон алыстатып, жалгыз гана сүйүү денеңдеги каның менен жүрүп калган кезде баарын унутууга туура келет экен.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз