Айгүл ШАРШЕН


"Сүйүүдөн тамган үч тагдыр"


- Алмаш, эжең кайда кетти? - деди.

- Билбейм ата, - Алмагүл такылдай жооп берип куурчагын койо койуп атасына жетти да кучактап алды, - Ата, апам качан келет?

- Кызым… - Туратбек тамагына бирдеме тыгыла калгандай такала түштү: "Алда-а кызым ай, ушул суроону мага эмес апаңарга берип турсаңар болмок, балдарынын маңдайында мээримин чачкан эне болбой жеңил аяк аял болуп калганын кара, мен жасабаган ишти жасап уялып койбой басып кеткенин кантейин" онтоп алды, аңгыча Алмагүл аны силкилдете:

- Ата, ата дейм, сизге эмне болду? - деп жатканынан чоочуй отура калып кичинекей секелегинин ээгинен өйдө көтөрө чекесинен өөп койду:

- Эчтеке болгон жок кызым, кеч кирди, эжеңди чакырып келчи.

- Ата, апамды качан алып келесиз, мен аябай сагындым, эжем дагы… - Алмагүл атасын күнөөсүз, байоо көз карашы менен жооп күтө карап турду.

- Апаң, апаң каалаган убакта келет кызым, аны мен алып келбейм, өзү келет. Туратбек ойлуу кызын жетелей сыртка алаксыта алып чыкты. Апаңдын жумушу чыгып жатса керек.

- Ыкы, аны сиз кубалап ийбедиңиз беле, болбосо кетпейт болчу!

- Аа -а, макул эми, күнөө менде кызым, эгер ал үйүндө болсо чогуу барабыз да алып келебиз, макулбу?

- Ур-ре-е, апама баарыбыз барабыз! Алмагүл так секирип кубанычын эжеси менен агасына бөлүшкөнү жүгүрүп баратып кайра токтой калып сурады. Ата качан барабыз?


- Бир-эки күндө барабыз, Туратбек кызына жылмая карап шар жооп берди. Алмагүл жүгүрүп кетти: "Секелегим десе, сагынсаңар апаңарды алып келип берейин, силер үчүн баарын кечүүгө даярмын" деп ойлоп турду. Алмагүлдүн кубанычтуу сүйлөп жатканы ага даана угулуп турду. Ансайын жан дүйнөсү эзилип, жүрөгү мыкчылып не кылаар айласын таппай дал ошол күнкү өз көзү менен көргөн окуя көз алдына тартылып кыжаалат боло берди: "Көрбөсөм эмне? Көзүм менен көрүп туруп кайрадан аны менен кантип жанына жатам, ичим жылып жүрөгүм берилеби, ар бир баскан кадамынан шек санап ишеничим да биротоло кетти, бир төшөктө жатып, дасторкондо боло албай калдык го" деп ойлоп өткөн окуяны эстеп жатты…

Туратбек ата-энесинин жападан жалгыз уулу. Колунда жок болсо да уулун ойдогудай өстүрүп, элден кем кылбай эрезеге жеткирип андан көптү үмүттөнүп топук кылып жүрүшкөн. Мектепти да жакшы бүтүрдү, эми окууга барам деп турганда атасы капысынан төшөккө жатып калды да көп узабай көз жумду. Туратбекке атасынын өлүмү абдан оор тийди. Достору менен классташтары эртели, кеч келип көңүлүн көтөрүп турушту. Ошентип Туратбек окууга баралбай калды, ал апасын жалгыз калтыра албай ичинен гана өкүнүп жүргөндө достору анын көңүлүн көтөрмөккө ойноп келүүгө чакырып калышты:

- Турат, болду жетишет, өлбөгөн ким бар, минтип отура берсең аз күндө өзүңдү да унутуп каласың, кайгы деген жаман, эки айдан бери аза күттүң, эртең кыздар болуп тоого чыгабыз, - деди Эдил.

- Туура мындайда көңүлүңдү бир нерсеге бурбасаң болбойт, биз сени менен ар дайым бирге болобуз. Кайрат бир жагынан чыкты. Айылда калдык, окууга кеткендер чоң болобуз дешип шаарда жүрүшөт, эми биз иштешибиз керек.

- Мейли алар окуп, чокуп чоң болуп калса жардамы тиет да бирге окудук эле деп унутта калтырбайт. Туратбек сен эртең аяш энеме кеңешип даяр тур макулбу? Эдил Туратбектин колун кысып койду, балдар кеткенден кийин ал абдан ойлонду. Дарыйка уулунун башынан бир мүнөз, санаага жоктугун билгендиктен аны тыйган жок, тамак-аш жасап берип даярдап койду. Эртеси он чакты кыздар менен балдар чогулуп тоого жөнөштү. Өзү менен окуган эки кыздын жанында чоочун үч кыз бар эле, бири ушул Калыс болчу. Адеп көргөндө эле экөөнүн көз караштары бириге калганда Туратбектин жүрөгү зырп эте кызга тартыла баштаганын сезди. Керээли кечке тоодо шар аккан сууну бойлоп сууга түшүп, андан кийин жайлоонун жапжашыл баркыт жамынып, адыр түзү не бир кооз гүлгө оронуп көңүл эргиткен талааларында кубалашып ойноп күн кечтегенде гана үйлөрүн көздөй жөнөштү. Туратбек канаты жок каалгып, эси көөнүнүн баары Калыста болуп, анын көз карашы, ичке бели, арык узун бойу көз алдынан кетпей туруп алды. Уулунун башкача жайдары болуп калганын эне сезди, бирок жоро-жолдоштору менен көңүл ачып келгендики го деген ойдо болду. Аңгыча Дарыйканын сиңдиси келип калды.

- Эже, эмки жылы балаңды аскерге алып кетет, өзү жалгыз бала болсо, атасы өлгөндөн кийин аскерден алып калыш үчүн Туратбекти үйлөнтүп койсоң алып кеталбайт, - деди ал эжеси менен сүйлөшүп отуруп.

- Ошондо аскерден калаар бекен?

Дарыйка сиңдисине үмүттөнө карады.

- Калтырат, сенин карамагыңда башка күч бүлөң жок эже, жашында үйлөнсө бала-чакасы да өзү менен тең өсүп калат.

- Ошентсе гана Жамийла, анда эртелетели, мына күз келатат, эл журт бар, Туратым үйлөнүп келиндүү кылса колум да узарып көөнүм тынып калат беле?

- Анан эмне, жыргап эле калаарсың эже, эч коркпой үйлөнт, биз дагы карап турмак белек, бир жагында турабыз да. Жамийла эжесине эңкейе калып шыбырап койду. Эгер Турат макул болсо мен жакшы кыз табам, эми тим эле укмуштай тың кыз, көзүңдү ачат!

- Ээ кудай айланайын, жалгызыма ылайыктуу кыз туш келсе кана, бактылуу болсо эле болду.

- Бактылуу болот, мен ал кызды жакшы билем, өңү түзү, акыл эси, кылган эткени абдан тыкан.

Эже, сиңди ысуулата чай ичип отуруп сүйлөшүп отурганда Туратбек келип калды. Таежеси менен учурашып дасторкондун четине отура кетти.

- Садага болойун десе, эжемдин жалгыз карааны сенсиң, эми бой жеттиң, окууга барбай деги калдың, үйлөнүп апаңды бак.

Жамийла Туратбекти карап сөз баштаганда ал элейе апасын карап таңкалгандай отуруп калды.

- Жамийла ырас айтат уулум, атаң да сенин үйлөнгөнүңдү көрбөй өтүп кетти, кандай гана тилек кылаар эле байкуш, - Дарыйка макул болгондой уулуна карады. - Эми-и сен бойго жеттиң.

- Апа-а…

- Сен эки жакка чыкканда жалгыз-жарым серейбей караан болот, мен деле алтымышка кирдим, мендейлер небере эмес чөбүрөлөрүн көрүп калды.

- Ооба десең, эжем менен жездем жалгыз сенин көзүңдү карап жүрүп картайды.

- Апа, али атамдын жылдыгы да боло элек, эл эмне дейт?

- Эчтеке дебейт, калган каадаңды үйлөнүп алып деле жасай бересиң.

- Ошо кантип болсун?

Туратбек капысынан уккан сөзгө мойун бербей каршылык кылмак болду эле Жамийла аны сүйлөтпөдү.

- Капырай, бала деген улуунун сөзүн угат, эми апаңды да небере көрсөтүп келин жумшатпай өткөргөнү турасыңбы, мен эки келин алып, бир кыз бердим, жети неберем бар кудайга шүгүр, алты жаш кичүүмүн!

- Болбойт, атамдын жылдыгын бермейинче үйлөнбөйм, анын үстүнө ылайыктуу кыз деле жок! - Туратбек ордунан туруп кетти.

- Оме-ей карангүн, бу балаң эмне дейт ыя, өзүм билем болуп көнүп калган го эже, сенин ал абалыңды кандай түшүнбөйт? - Жамийла ачуусу келгендей кызаңдай кетти. - Биздин балдар бир айтканда эле угуп "ойлонойун, байкайын" дешчү эле?

- Жамиш, бул бир үйдө жалгыз өсүп атасы экөөбүз көзүн карап, ойундагысын жасап көндүрүп койгонбуз да, мейли ойлонсун, өзүм дагы айтып түшүндүрөм, көнбөгөндө кайда бармак эле.

Дарыйка сиңдисине уулун актай сүйлөдү.

- Болуптур эже, мен кетейин анда, Эмилбек эрте кел деди эле улгая баштагангабы бир аз эле жок болсом издеп турат.

- Ошентпей анан, "кошо арып, кошо кары" деген ошо да, кут кылсын. - Дарыйка сиңдисинин бактысына ыраазы боло кубангансып койду. - Барсаң бар, экөөбүз эле калдык Жамиш, анда-мында кабар алып тургула.

Эже-сиңди ордунан туруп сыртка чыгышты. Жамийла келээринде артынып-үртүнүп колунда болгонун көтөрүп келген, баштык-мүшөгүн бошотуп алып анан коштошуп жөнөдү, аны аткарып койуп үйүнө кирбей короонун оозунда эки жакты карап турду: "Балам жаштык кылбас бекен, эрте үйлөнсө үйбүлө кадыр-баркын билбей кыйналып калаар бекен же, он сегизге зорго чыкты" деп уулунун караанын жолдон издеп көпкө турду.

Туратбек көчөдө басып жүргөн. Ал таежесинин сөзүнөн улам ойлуу. Негедир үйлөнүү жөнүндө ойлонгон эмес эле, кечээ күнү Калысты көргөндөн кийин жандүйнөсүнө бүлүк түшүп, кызды кайра-кайра эстеп эргип алган. Ары-бери басып жүрүп өзүнчө кубанычтуу жылмайып алды: "Үйлөнсөм сөзсүз Калыска үйлөнөм, андан башканын кереги жок" деп үйүнө карай келе жатып, апасынын караанын көрүп боору ооруп кетти: "Апам чын эле карып калган тура, келин алып жумуштан бошотпосом болбойт, агарган саамайын да ушул убакка чейин байкабаптырмын" деп ойлоп жете келип апасынын ийнине колун койо күлө:

- Таежем кеттиби? - деди.

- Ооба балам, кетпесе болбойт да, күйөөсү неберелери менен калыптыр, тамак-ашын жасай албай кыйналып калышат да.

- Аа-а, таежем абдан жакшы киши ээ апа?

- Эмнеси болсо да аман болсун садага, өлүп-өлүп экөөбүз эле калдык, силердин жамандыгыңарды көрбөй алдыңарга кетсем экен.

Кобурашып үйгө кирип келишкен. Туратбек чоочуп кетти:

- Эмне деп жатасыз апа, мен эми чоңойдум, чайымды ичип, сыйымды көрүшүң керек!

- Алдыңа кетейин каралдым десе, менин ойума койсо сенин балдарыңды багып эле жүрө берсем дейм, ошого өмүрүм жетээр бекен? - Дарыйка кейигенсип алды. - Ушу сенин жамандыгыңды эле көрбөсөм болду.

- Апа, кудай буйурса атамдын жылдыгын өткөрүп алсак анан келин алып берем, келиниң жумуш жасатпай баарын өзү жасап, сизди төргө гана отургузуп багабыз, - Туратбек апасын жүзүнөн өөп койду.

- Тилегиңден кагылайын десе, ыймандуу келин келип колум узарса-а, жыл айланбай бир жаманды таап берип койсо… ээ жараткан ошого жеткирсе кана..

Дарыйканын үнү каргылданып кетти. Туратбек андан аркысын укпагандай үндөбөдү, анткени ал кыздын элеси менен сүйлөшүп, сырдашып ойлуу өзү менен өзү болуп калган эле. Дарыйка өз иши менен алек, ойунда керимселдей керилген келин көз алдына келип апалап жанында отургандай өзүнөн-өзү алагдыланып: "Ботом, көздөй жалгыз келиндүү болсом, ошону иш кылдырып койуп отуруп алмак белем, кемпирди карыганда, келинди келгенде көр дегендей бир-эки жыл көтөрмөлөбөсөм болбойт, алы күчүм бар, кудай алсын көр тирликти, өзүм эле жасайм" деп да ойлонуп ийди…

… Убакыт желип жорткон айдарым желдей ала салып жыл өтүп кетти. Туратбек бир жолу Калыска жолугуу үчүн эшигинин алдында өскөн гүлдөн тутам кылып үзүп алды да эми чыгып кетээрде Дарыйка көрө калып:

- Уулум, кайда жөнөдүң? - деди жылмая.

- Тиги-и… - Туратбек колундагы гүлдү артына ката тайсалдап калды. - Тиги классташым Гүлжандын туулган күнү экен…

- Ий-ии, мейли садагаң кетейин, бара гой, - Дарыйка жылмая карап койду, - бечара абдан эстүү кыз.

- Ооба-ооба, апа, - Туратбек апасын кучактап өөп алды да оңой шылтоо тапканына сүйүнө жүгүрүп кетти.

- Арам жаман, ошол Гүлжанды келин кылып берсең бактылуу болот элем, Кудайдан болуп экөөңөрдүн көңүлүңөр табышып калса экен. Бекболу менден кызын аябас…

Ойлуу кетип жаткан уулунун караанын карап туруп анын Бекболунун үйүнө кайрылбай өтүп кеткенин көргөндө: "Чунак бала, мени алдаган го, Бекболунун үйүнө кайрылбады, тим эле шылтоо кылган го" деп улутуна үйүнө кирип кетти.

Туратбек Калыстын үйүнүн тушуна келип аста ышкырып койду эле, ал терезеден караганда колундагы гүлдү көрсөтө:

- Бул сага Калыс, туулган күнүң менен! - деди.

- Рахма-ат, азыр чыгам, - Калыс терезеден көрүнбөй калды. - Сен менин туулган күнүмдү кайдан билдиң?

Калыс жа-адырай жүгүрүп жетип келди.

- Мен сенин туулган күнүң экенин түшүмдө көрдүм. - Турат маашырлана күлүп койду. - Дагы бир жолу туулган күнүң менен!

- Ыраазымын Турат, - Кыз гүлдү колуна алып жылмая жыттап, ушул кез дүйнөдөгү бактылуунун бактылуусу болуп турду.

- Калыс… - Турат энтиге сөз табалбай кыздан көзүн албай карап, - Калыс, мен сага бир сөз айтсам дегенмин… - деди жаш баладай ага жакындай.

- Айта бер кулагым сенде, - Калыс наздана күлүп койду. - Деги айта турган сөзүң мени кубантабы же…

- Сага кубаныч тартуулай аламбы же ачууңду келтирип аламбы билбейм, бирок айтууга туура келет.

- Кана угалычы, - Калыс көздөрүн ага кадап күлмүңдөй күтүп калды. - Бол эми, жарылып кетип жүрбөйүн.

- Калыс, мен… Мен сени сүйөөрүмдү айтайын дегенмин! - Турат жүрөгү дик-дик этип энтиге кызга тигилди, - сени сүйөм, Калыс!

- Эмне дейси-иң? - Калыс дароо үй жагын кайрылып карап койду да. - Азыр таенем көрүп калса экөөбүздү тең өлтүрөт, - деп Туратты колдон ала короонун далдоо жагына жетелеп барып, - кана айтчы? - деди күлкүсү келип оозун алаканы менен жаап.

- Мен сени сүйөм, ааламга жаңыргыдай кылып, жалгыз гана өзүңдү сүйөөрүмдү жар салууга даярмын!

Кыз көздөрүн бакырайта карап бир топко турду да, анан бырс эте күлдү.

- Сен мениби?

- Ооба, эмне экен сүйсө?

- Ойлонуп көрдүңбү?

- Эмнесин ойлонмок элем, экөөбүз тең жашпыз, үйлөнүп алабыз…

- Турат, менин ким экенимди, абалымдын кандай экенин билесиңби?

- Билем, Канышай апанын кызынын небереси болосуң, шаардан келгениңди да уккам.

- Жоок Турат, - Калыс жигитти дагы арыраак бактын түбүнө колунан жетелеп барды да. - Мен күйөөгө тийип чыккам, сенден бир жаш улуумун!

- Койчу?! - Турат аны ишенкиребей карады.

- Чын Турат, - Кыз өңүн сумсайта жерди тиктеди. - Менин бактым талкаланган, ата-энем баарын-баарын унуткарсын деп таенемдикине жиберген…

- Улуулугуң кеп эмес, менден өзүңдү ала качпа, мен сени сүйөм Калыс, күздө үйлөнөм…

- Бала болбо Турат, апаң эмне дейт, а элчи? Сен үйлөнө элек жаш бала болсоң, мен бир эрден чыккан келинмин. Мындан ары мага жолукканыңды кой да өз жолуң менен бол, мен сага жөн гана дос катары мамиле кылып жүрсө ойун кылып ийгениң болбойт, бар үйүңө жөнө!

Калыс артына бурулуп үйүнө жүгүрүп жөнөгөндө:

- Калыс, токточу, токтосоң! - деп Туратбек анын артынан жүгүрдү эле ал болбой короосуна кирип кетти. - Мен баары бир кетпейм, күтө берем сени!

Туратбек көгөрүп туруп алды.

Калыс үйүнө кирип үстөмөнүнөн кулап солуктап ыйлап жатты. Көпкө жатты: "Мен айбанмын, акылсыз кызмын, эгер Туратбек менин күйөөгө тийбей туруп бирди төрөп таштаганымды билсе эмне дээр эле, эми бул жерден кетишим керек, ушундай жигиттин таптаза сүйүүсүнө таптаза бойдон жооп бере албагандан кийин кетпесем болбойт" деп ойлонуп жатып өткөн күндөрүн көз алдынан өткөрө баштады…

***

Анда Калыскан тогузунчу класста окуп жаткан. Атасы белдүү кызматта иштейт, апасы мектепте мугалим, жалгыз кызын ойу менен өстүрүп койгон ата-эне кийинчерээк ага алы жетпей калды. Талант аялына карап бир күнү минтти:

- Изат, бу Калысты айылга жөнөтүп жибербесек болбойт, бизди шерменде кыла турган болду, айылда мынчалык болуп кетпейт, жаштар абдан тартиптүү, ийменип айыл турмушуна көнүп кетээр, - деди.

- Койсоңчу Талант, кызыңды анчалык эле акылсыз деп ойлобосоң, азыр жаш эмеспи, токтолуп калат. - Изат күйөөсүнө кейий айтты муну, - жалгыз кызыбызды айылга жөнөтүп ийип соксойуп экөөбүз отуруп калганда не?

- Ээ-эй, токтолгончо экөөбүздү инфарк кылат го мунуң, апамдын жалгыздыгын өзүң жакшы билесиң, эрмек болот да.

- Апам карып калды, аны да машакатка салат, карыганда кыйнап койобуз го? - Изат күйөөсүнө кабатыр боло карады, анткени өзүнүн апасы айылда жалгыз турчу.

Изат жалгыз кыз, Гүлсүн төрөгөндөн бирди төрөдү, кызынын бир кыздан башка төрөбөй калганына кейип: "Калысты алып эрмек кылып алып ал же шаарга алып кетейин" деген Изаттын сөзүнө макул болбой койгон эле. Азыр көз жашы тегерене мууна түштү: "Бу кыз апамды да кыйнайт да, аны карыган кезде тынч жашатпай беймаза кылат" деп ойлоп жатты.

Таланттын ата-энеси жок эле, бир туугандары бар, ар кимиси өз тиричилиги менен, өз жашоолору менен. Талант аялынын телмирип үнсүз көз жашка муунуп отурганын көрүп, унчукпай жумушка кетип калды. Аялы Изатты абдан жакшы көрүп, сүйгөндүктөн ажырашкысы келбей жашап келатат. Көкүрөгүндө: "Уулум жок, артымда туяк калбай, уул бала көрбөй өтүп кетемби, кыз бала атанын ордун басат деп ким айтты? Жок жо-ок, мен эмнеси болсо да эркек балалуу болушум керек" деген чечимге келип акыры башка аял менен мамилелеш болууну көздөдү. Тилеги ишке ашып бир күнү кызматына келип кабинетине кирип баратса бир келин пол жууп жүрүптүр, кирип келатканда жалт карай берди эле анын татынакай нурдуу жүзү, жоолуктун четинен чыгып турган саамайлары өзүнө жарашып Талантты дел кылып койо жаздады, бир саамга тиктеп туруп анан кирип кетти.

Иш кагаздары менен алышып отурган, көз алдына эмелеги келиндин жүзү тартыла түшүп жүрөгү кадимки жигит кезиндегидей ээлиге түштү: "Бул эмнеси, деги мен эмне болуп турам, жашым элүүгө чамалаганда кайдагы сүйүү болмок эле, балким эркек баланы ушул келин таап берээр мага" деп ойлой берип алагдыланып ордунда отура албай терезеге келип сыртты караса жанагы келин сыртка чакадагы суусун төгүп кайра басты: "Келин эмес кыз болуп жүрбөсүн, өтө жаш анан сулуу экен, мени теңине да албайт го, бирок азыртан пол жуугучка иштеген кыз кыйналганынан келгендир, жыргап кетсе бул ишке иштебей калсын" деген ойдо кайра ордуна келип отурду: "Шүгүрлүк, кыз болсо да балам бар, таптакыр куру кол эмесмин, Изатым жаркылдаган жакшы аял, ушуга ыраазы болойунчу" деп ойлогон менен баары бир жүрөк түпкүрүндө бүдөмүк ой санаалар аны мыжып туруп алды. Аңгыча жумуштан чыгаар маал болуп, кагаздарын жыйнаштырып кабинетин жаап жөнөмөк болгондо:

- Кабинетиңизди жууп чыгышым керек, - деди артынан чыккан үн.

Жалт карай берип баятан бери өзүн алагды кылган кыз экенин көрүп алдастай түштү:

- Аа-а, мейли-мейли, - Талант эшигин ачты да, - Ачкычты эшикте отурган аялга таштап кой, - деп жөнөп баратып кайра кайрылды. - Атыңыз ким?

- Саамай.

- Жакшы экен.

Талант башын бура басып кетти. Үйүнө келгенден кийин дагы өзүнчө санаага батып калганын көргөн Изат: "Калыстын тагдырын ойлоп бушайман болуп жатат го, эмне кылсам экен? Бул кыз бизди уятка калтырат" деп ойлонуп күндүзү да, түнкүсүн да үйгө жолобой, каалаган убакта келип, каалаган убакта кете берчү болгон кызынын жүрүшүнө зээни кейип ичинен тынды.

Аңгыча Калыс ички бөлмөдөн чыгып келип:

- Папа, мага акча керек! - деди саламдашпай туруп.

- Эмне кыласың акчаны? - Изат кызына ачуулана карады. - Бейбаш кыз болдуң го, атаңдын сени ойлоп, сарсанаа болуп жатканын сезесиңби деги?

- Ойлонбой эле койсун, мен эмне кылып жатам, мага жөн гана акча керек, мама! - Калыс таарынгандай тултуя ордунан турду. - Бербесеңер койгула, кеттим мен!

- Канча керек? - Талант кызынан аста сурады.

- Миң сом.

- Анча акчаны эмне кыласың, ой кыз? - Изат дагы жини келе кызына таңгала карап сурады.

- Керек.

- Мейли, Изат, үйдөн алып чыгып бер! - Талант ошентти да ордунан турду. - Каалаганын кылсын, менин эркетайым, аман болсо болду, как баш атанбай кыз бала болсо да туягым бар, - дегенде Изаттын жүрөгүн бычак тилип кеткендей тыз этип сайгылашып, саамга оозуна сөз кирбей калды: "Кудай ай, неге мынчалык калыссызсың, кызды бергенден кийин уул да берет деп канча жыл өзүмдү алаксытып, алдап келдим, эми болбой калды го" деп ордунда селейип туруп калды эле:

- Мама бересизби, кечигип калам, - деген Калыстын үнү аны селт эттирди.

Караса маңдайында кызы турат, Таланттын карааны көрүнбөйт, күйпөлөктөй түштү, демейде жумушуна кетээрде костюмун өзү кийгизип жөнөтчү, эми анын кеткенин билбей ойлонуп кеткен экен.

- Атаң качан кетти?

- Ал сиз эсиңизди жоготуп койгондо эле чыгып кеткен, мен кечигип жатам, мама!

- Сен бир безери кыз болдуң го? - Кейий кирип кетти да кайра чыкты. - Кечинде үйгө эрте кел.

- Өлбөсөм, - Калыс жүгүрүп чыгып кетти.

- Ал эмне дегениң ой кыз, оң жооп берсең болбойбу ыя? - Изат анын артынан кыйкырган бойдон калды.

Калыс укпай өз жолуна түштү. Аны курбусу менен Артур күтүп турган. Ал келээри менен Артур:

- Алып келдиңби? - деди алдын тозо.

- Сөзсүз да, папам менин сөзүмдү эч качан эки кылбайт. - Калыс мактана кетти. - Кана кайда жөнөдүк?

- Кызыксың Калыс, адегенде врачка, андан кийин көңүл ачканга…

Айжаркын колтуктай жөнөдү. Алар клиникага барып эки кыз кирип кетти, Артур күтүп калды. Бир аздан кийин алар шаабайы сууп көңүлсүз келишти. Айрыкча Калыстын кабагы карыш түшүп, ыйлаганы турганын байкаган Артур ага жакын келип сурады эле, ал түртүп жиберди.

- Жогол, жаныма жолобо!

Бетин баскан бойдон ары көздөй жүгүрүп кеткенде эч нерсеге түшүнбөй калган Артурга Айжаркын:

- Артур Калыстын бойунда бар экен… - деди.

- Эмне-е?

- Ошол ойлонбой кылган ишиңердин арты кайда бараарын сезбегенсиңер, эми анын абалы кантет?

- Ошондойбу, Айжаркын? - Артур андан ишенбегендей кайра сурады.

- Калп айтып кара жаныма күч келиптирби, ата-энеси укса эмне болот? Эми бир гана жол - алдырыш керек!

- Ыя? - Артур элейе Айжаркынды карады. - Ошондо билинбей калабы?

- Баары бир билинет дечи, бирок убактылуу билгизбегенге ушул гана жол…

- Жок, Айжаркын, мен Калысты сүйөм, ошондуктан ага үйлөнүп алсамчы?

- Жинди болдуңбу, ал эми онунчу класска окуйт, жашы жете элек кызды зордуктаганың үчүн билесиңби жооп берип каласың, анын үстүнө ата-энеси макул болушпайт.

Артур унчукпай калды. Айжаркын Калыстын артынан кетти. Ал эбак эле үйүнө жетип бөлмөсүнө кирип эшигин бекитип алып буркурап ыйлап ийди: "Эмне кылышым керек, атам укса өлүп калат го, мени эркек бала катары багып өстүрүп, каалаганымды алып берип жатса мен ушуну көрсөтмөк белем, акылсыз-арсыз экемин көрсө, неге эртерээк эсимди жыйбадым?" деп каалганын артында бүрүшүп соолуктай отура берди.

Күүгүм кирип кобур-собур үн менен бирге Талант менен Изат сүйлөшүп отурду.

- Калыс бүгүн да жок, сен анын ойу менен болуп, сураган акчасын бере бересиң, - Изат кейип атты.

- Эмне кыл дейсиң, элчилеп беш-алты балам болсо бир жөн, жалгыз кызымдан кантип аяйм, айтчы өзүң?

- Катуураак кармашыбыз керек эле, мына эмитен үйгө келбей каалаган жагына түнөп калган кыз, экөөбүзгө жакшылык алып келеби?

- Өлбөсө болду, "баланчанын уулу же баласы" деп айтылбаса кызы болуп жүрө берсин.

Талант үңкүйө жер карады, ушул учурда Калыс бөлмөсүнүн эшигинде отуруп алып алардын сөзүнүн баарын укту, ан сайын жүрөгү ооруп өз кылган күнөөсүн кайда катаарын билбей дайынсыз гана кайдадыр басып кеткиси келип турду. Бирок кантип, кайда бармак он алтыдагы кыз бала…

Убакыт кеч күз, аба муздак тартып кечээги эле жапжашыл тукаба жамынгандай чалкып жаткан кең өрөөн ыйлап сооронгон баладай бозоруп, чөптөр куурап айлана көзгө комсоо көрүнүп күн бүркөлүп бирин-серин жаандын тамчылары бети, колго тамчылап кыштын белгиси байкала баштаган. Калысты таенесиникине алып келип айылга окуп жатат деген шылтоо менен мектептен чыгарып алышты. Ошол жылы жазга маал Калыс уул төрөдү. Түндөп уулун Изат шаарга алып кетип өзү багып алды.

Ошол бойдон Калыс таенесинин жанында, баягыдай шайдоот мүнөзү калып, суз болуп калган эле…

***

Ушуларды ойлоп жандүйнөсү сыздап, жүрөгү ийне менен сайгандай тыз-тыз эте сайгылашып керебетте ыйлап жатып, жашы соолуп калгандай шыпты тиктеп жата берди. Көптөн кийин ордунан туруп сыртка чыгып бети-колун жууп өзүнө келди. Таенеси Сырга эртең менен кайдадыр кеткен бойдон кеч келди. Анын келгенин көргөн Калыс:

- Таене, ушунча дагы кечигесизби? - деди эркелей.

- Жумуш ошондой берекем, сүйлөшүп отуруп калдым.

- Эмне сөзүңүз бар, кечке отуруп бир нерсени чече алдыңарбы анан? - Калыс жылмая таенесин кучактап өөп алды. - Алтын таенем бар да менин! Таене, сиз жаш кезде бирөөнү сүйдүңүз беле?

- Ок, мага сүйүүнү ким койуптур, биздин убакта-а,. . - Сырга өзүнчө эбаккы өткөн жаштыгын эстегендей жылмайып алды. - Биздин убакта сүйүүнү ким билсин секелегим, таятаңа мени ата-энем макулдашып эле берип койгон…

- А сиз унчукпай эле кете бердиңиз беле?

- Анан эмне кылам, ата-эненин сөзү ал кезде кыз балабы, уул балабы аткарылбай койчу эмес.

- Сиз көрбөй эле таятама тийип алган турбайсызбы?

- Көргө-өм, көргөндө да кандай, жеңем ал экөөбүздү жолуктуруп өзү карап же ишенип кетип калчу.

- Анан, таятам сизди сүйөм деп айтты беле? - Калыс таенесин тамашага чала күлө карады. - Бири-бириңерди сүйөм деп айттыңар беле?

- Кайдагыны айтып башымды оорутпа, тур тамак-ашыңды жаса кызым, сен эми чоңойдуң, качанкыга мен жасап бермек элем? - Бир нерсени эстегендей туруп бараткан Калысты токтотту. - Баса, айтып келатып унутуп калган турбаймынбы, сени тигил айылдагы илгертен берки сөөк өтчү адамдарыбыздын баласына бермек болуп макулдашып койдум, келээрки жумада сени алып кетишет, атаңарга айттырып ийсем келип калышаар…

- Койчу таене, эмнеге мен көрбөгөн эле бирөөгө тийишим керек? - Калыс мурчуңдай кетти. - Мен эч качан күйөөгө тийбейм!

- Эсиң барда этегиңди жый балам, ансыз да кызым сенин айыңдан оорукчан болуп отурат. Сени жакшы жерге берип, кадыр-барктуу адамдар менен куда болобуз деген үмүттөрүн таш каптырдың.

- Баары бир мен тийбейм!

- Тиесиң, эгер сени кичинеңден мага берип койгондо кандай гана тарбияламакмын. Жигит келгенде таанышасың, сүйлөшөсүң анан өзүң эле жактырып каласың, мен аларга сени "жайсыз күйөөгө чыгып, кыз-күйөөм алып баса берген" дедим, дал ошондой деп айтасың, уктуңбу?

Сырга ага сес көрсөтө сөз бүттү деген кыязда айтты да өз ишине киришти.

Калыс ойлонуп калды: "Айла канча, чын эле ата-энемди кыйнап койдум, андан көрө айтканы менен боло бергеним туурадыр" деген ойдо көңүлү чаржайыт ойлордон адашып отуруп, Туратты ойлоду. "Татыктуу жигит, эгер элдин кыздарындай болуп жакшы жүрсөм татыктуу жигитке татыктуу жар болбойт белем" деп көзүнүн жашын сыдырып алды: "Тагдырым салганын көрөөрмүн, "аял ала элек балага кыз эмес келди" деген ушактан көрө көздөн далдаа кетип калайын"

Сырга астыртан тойго даярданып жатты, небересин өз колу менен аткармак. Бирок ага кыз-күйөө макул болбоду: "Жалгыз кызыбызды өз үйүбүздөн өз колубуз менен жөнөтөбүз" дегенде макул болду. Ошол арада Туратбек апасына кеңешип жатты, экөө ары кетти, бери кетти, күйөөдөн чыккан кызды алып бербейм деп көжөлө Дарыйка да туруп алды. "Эгер Таланттын күйөөдөн чыккан кызын алам десең менин үйүмө алып келбе, Сырганын үйүнө кирип жаша деп айтам" деп ойлоп уулунун азгырылып калганына кейип-кепчип атты.

- Апа, - деди ошол кезде Туратбек. - Эгерде сиз ак батаңызды берип, үйгө киргизгиңиз келбесе мен аны менен кетем!

- Эмне дейт, катыгүн? - Дарыйка уулун чоочулай карап өзүнүн ойундагысын окуп койгондой тайсалдап кетти. - Эсиңе келчи каралдым, отур кеңешели, сүйлөшүп бир чечимге келели. - Уулун отургузуп алып өзү да жанына отурду. - Мен Сырга менен сүйлөшүп, биздин бар-жогубузга карай турган болсо көрөйүн, уулум.

- Бая эле ошентпейт белеңиз, - Туратбек бул сөзгө макулдугун билдире жер карады. - Ал күйөөгө тийип чыкса чыккандыр, мен аны сүйөм апа, ал жакшы кыз, сизге да карап өз энесиндей мамиле кылат!

- Шашпа садагам, айттым го, мен эртең менен барам да Сырга менен сүйлөшөм, - деди Дарыйка уулун тынчтандыра.

Туратбек унчукпай калды.

Эртеси Дарыйка айылдын орто чениндеги Сырганын үйүнө келди, аны Калыс каршы алды.

- Келиңиз, сизге ким керек эле?

- Сырга үйдөбү?

- Ооба-ооба, таенем үйдө, кириңиз, - Калыс жол бошото эшикти чоң ачып, аны ичке карай баштап кирди. - Азыр эле эс алганы жаткан, азыр, - кирип Сырганы ойготуп чыкты.

- Оо кел Дарыйка, келчү эмес элең. - Сырга жакшы маанайда тосуп алды.

- Келдим Сырга эже, көптөн бери жолугуша да албай калдык.

- Ооба десең, карыгандан кийин үйдөн чыкпай калат тура, кайран өмүр элүүдөн эңкейгенден кийин эле мидерлеген аттай көр тирликтен кутула албай жүрүп бу дүйнөдөн кантип өткөнүбүздү да билбей калат турбайбызбы, - Сырга шыпшынып алды.

- Анан эмне, өмүр билинбей өтө берет экен да эже, беш-алты жыл мурун шарактап күлүп жакшы эле жүрчү элек, эми анын бири да жок.

- Апей ботом кирсең боло үйгө, сени кир дебей эле жобурап калганымды кара.

Экөө ээрчише үйгө киришти. Сырганын күйөөсү совхоздун атка минерлеринин бири болгондуктан абдан жакшы жашашчу, беш жыл мурун дүйнөдөн өтүп жалгыз жашап жүрчү.

Калыс дасторкон жайып болгон даамдарын койуп чай сунду.

- Кудай өмүр берсин садага.

Дарыйка чайды алып алдына койду да кыздын өңү-түзүн көрүп: "Жаман уулумдун сүйгөнүнчө бар экен бечара, ыймандуу келин болуп берсе болду, өзү ыраазы болсо болду, жалгызымдын көңүлүн оорутпай макул десе жакшылап сүйлөшөйүн" деп ойго чөмүлө түшкөндө Сырга:

- Нандан ал Дарыйка, алсаң боло, - деди анын тунжурай түшкөнүн байкап, - ойго түшүп кеттиң да ботом?

- Ии-ий, ойлонуп кеткен турбаймынбы, - Дарыйка Калысты карап койуп чайдан ууртады.

Калыс Туратбектин апасын таанычу эмес, бул аялга жини келгендей: "Кызык аял го, эмнеге эле мени карайт, мунун дагы баласы бар болсо керек же таенем жолугуп келген таанышы болду бекен" деп акырын жыла чыгып кетти. Ал чыгып кетээри менен Дарыйка Сыргага карап эңкейе калды да сөз баштамак болуп токтоп калганда Сырга:

- Айт айта бер, бирдеме дегиң келип турат окшойт, Дарыйка, - деди кулак түрө.

- Сырга эже, билесиз го менде жалгыз уулум бар экенин…

- Ооба-ооба, билбей анан, бойго жетип калды го уулуң?

- Бой жетти, - Дарыйка ойлуу колундагы шакектерин кармалай, - былтыр күйөөм өлүп окууга баралбай калган, анын үстүнө мен жалгыз кала турганмын, уулумду үйлөнтсөмбү деди эле…

Андан кийин экөө шыбыраша көпкө сүйлөштү, Калыс бирин укса, бирин укпай кыжаалат болуп эшигинин алдындагы бак ичине басып кетти. Кайрадан баягы түбү жок санаага батып: "Акылсыз экемин, эс толуп токтоло элегимде эле ата-энемдин төрүндө төрөп, аял атка кондум, эмдиги жашоом кандай болот? Ошол бойдон атамдын жүзүн көрө элекмин, апам го өзү келип кетип турат, баламчы, ал кандай болуп чоңойуп калды экен? Кызык, аны балам дегенге акым барбы деги?" деп санаасы санга бөлүнүп турганда эки аял кобураша үйдөн чыкты. Калысты байкадыбы же байкабадыбы:

- Кыз баланы илгертен эле ала качып кетет эмеспи, балаң өзү каалаган болсо мен каршы боло албайм, жаштардын бак-таалайын гана тилейм, Дарыйка, - деди Сырга башын ийкегилей Дарыйкага карап.

- Болду эжекебай, бирге жүрүп, бирге күлдүк эле, сөзүмдү эки кылбас деп келдим, ыраазымын Сырга эже, - Дарыйка коштошуп короодон чыкты.

Бери кайрыла берген Сырганын жанына жете келген Калыс сурап ийди:

- Таене, бул аял ким, эмнеге келиптир?

- Секелегим десе, сен мен үчүн секелек көрүнгөнүң менен бойго жетип эл көзүнө көрүнүп калыпсың, өз жериңди, элиңди, түбөлүк айылыңды таба турган кезиң келип калыптыр, садагаң. - Сырга Калысты кучактай калып саамайынан жыттады. - Бак айтсын кудай, эне-атаңдын көңүлүн тындырып өз бактыңды тапсаң болду.

- Түшүнсөм кудай урсун, деги ким деген экен?

- Туратбек деген баласы бар, жалгыз бала, бечара бирди төрөп, ошол бойдон төрөбөй калган.

- Туратбек?

- Ооба, тааныйт белең аны?

- Мм…

Калыс үнсүз гана башын ийкей кечээ жакында эле роза гүлүн көтөрүп келип: "Мен сени сүйөм" деп турган жаш жигитти эстеп купуя жылмайып алды.

- "Кызга бергис жубан бар" дешчү илгери жакшы, сулуу келиндерди, сен жерде калчу кыз эмессиң, каралдым. Туратбек жакшы адамдардын тарбиясын көргөн акыл-эстүү бала. Дарыйка сени өз кызындай көрүп бапестеп алат.

- Таене…

- Болду кызым, андан көрө тигилерге жооп айтып койуш керек, ошондуктан сени алакачтырып ием да…

- Кызык, менден тажагандай өзүңүз алакачтырасызбы, таене? - Калыс таенесине таңгала карады. - Алар эмне деп ойлошот?

- Эчтеке дебейт, атаң сени "шаарга бир келип кетсин, сагындым" дептир, бала деген балакет болот эмеспи.

- Барбайм!

- Ий-и?

- Кантип көрүнөм?

- Жашоодо баары болот секелегим, алардын сенден башка карааны жок, сени кубат, канат кылып жашап жүрүшпөйбү, мен апаңдын өмүрүн тилеп жашагандай эле… -Ойлуу үйдү көздөй басты.

Ошондон көп өтпөй эле Дарыйка күйөөсүнүн ашын берди да, он чакты күндөн кийин тууган-уругун, бир тууганы Жамийланы чакырып алып келин алмакка даярдык көрүп жатышты. Туратты жолдош балдары эчен ирээт айнытмак болду эле ал укпады.

- Турат, кийин өкүнүп калба, күйөөгө тийип чыккан немени алганыңа.

- Койсоңорчу, күйөөгө тийсе тийип чыккандыр, андан эмне болмок эле, башкысы биз бири-бирибизди сүйөбүз. - Досторуна күлө жооп берди. - Ортодо сүйүү болсо башканын кереги не?

- Ал туура дечи, бирок баары бир кыз албагандан кийин өкүттө каласың.

- Силерге рахмат достор, мен ыраазымын баарына, кыскасы Калыс менин жарым, силердин аяшыңар болот, эмесе кеттик, аны алып келебиз.

Туратбек эки досун ийинден ала күлүмсүрөдү. Беш-алты жигит машинаны ордунан жылдырып жөнөп кетишти да жарым саат болуп болбой сигналды катуу басып жетип келишти. Калыс башына ак жоолук салынып келген улуу, кичүүгө жүгүнүп жатып да өкүнүп жатты: "Ушул пейли таза адамдардын эшигин аппак бойдон аттасам болбойт беле, курган жаным ата-энемдин эмгегин актай албадым, эл караган жүзүн жер караттым" деп сай-сөөгү сыздап жатты. Туратбектин чечекейи чеч болуп чоң бакытка ээ болуп, телегейи тегиз, дүйнөдөгү чексиз бактылуунун бири өзү болгондой кубанычтуу жүрдү: "Мен Калысты сүйөм, кыз болбосо эмне экен, өзүм сүйгөн адамга жеткеним бакыт эмеспи" деген ойдо.

Тойдун да аягы бүтүп, эки жаш бакытка балкып, махабаттын магдыраткан сезимдеринде каалгып учкан карлыгачтай, катарлаша канатын каккан аккуулардай бир өмүрдүн тартуулаган ырахатын көрүп, сүйүүнүн балдай таттуу даамын татып, жашоо деген арабаны бирге сүйрөмөк болуп кадам ташташты.

- Жаным, мен сага ыраазымын, эки өмүрдө ыраазымын, сенин алдыңда карыздармын, - деп Калыс бир бактылуу кечте Туратбектин мойнуна аппак билегин ороп алып өз ойундагысын айтып жатты.

- Калыс, ал эмне дегениң, мен баарын угуп, билип туруп алгамын, ал тургай апам дагы билет, ага мынчалык кыжаалат боло бербечи, - Турат колуктусун жан-алы калбай өпкүлөп жатканда, ал:

- Турат, ушул сөзүңө өмүр бойу туруп, менин жүрөгүмдү бир кезде оорутпас бекенсиң? - деди.

- Эмне деп эле жатасың, айттым го сага, түбөлүк сенин жоодураган көздөрүңдү, апакай жүзүңдү, эч күнөөсүз жүрөгүңдү сүйүп өтүүгө сөз берем!

- Алтыным десе, ыраазымын сага, апам экөөңдү өмүр бойу сыйлап өтөм.

Калыс наздана күйөөсүнүн койнунда ырахатка бөлөнүп жатты. Азыр экөөнөн өткөн бактылуу жан жок эле ушул кезде.

Дарыйка келининин өңү-жүзүнө, ийкемдүүлүгүнө ичтен ыраазы болгон менен өзүнчө нааразылыгы бар эле: "Көптү көргөн желмогуз кандай гана болуп баламды азгырып алды экен, курган балам, кыткылыктатып кыз койнуна жатпай, кыз кылыгын көрбөй келин алып кем болду. Кантейин, жалгызымдын көөнү үчүн аргам жок көнбөскө" деп үнсүз буулугуп, көмөкөйүнөн шуу үшкүрүп алат.

Жыл айланбай Калыс кыз төрөп берип кубанычка бөлөдү. Атын Данагүл койушту. Небересин көргөн эне өктөөсү жазылып кубанып калды. Жалгыз уулунун бир башы эки болуп көктөн тилегени жерден табылып наристени жерге койбой көтөрүп, түнкүсүн да өзү алып жатчу болду.

Данагүлдөн кийин Калыс уул төрөп берди эле, ага Келдибек деген ат койду, "балалуу үй - базар" дегендей бабырашып оңуп эле калышты.

Талант Туратбекти өз баласындай жакшы көрөт. Неберелерине тай, торпок энчилеп берип, себин жакшылап бергенге жашоолору да оңолуп калды. Дарыйка ооруп жатып калып, көп өтпөй эле бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Талант кыз күйөөсүн шаарга келгиле деди эле, күйөө баласы Туратбек болгон жок, ата-энесинин баскан изин, жашаган жерин томсортуп калтыргысы келбеди. Дарыйканын жылдыгын бергенден көп өтпөй Калыс үчүнчү жолу Алмагүлдү төрөдү. Өздөрүнчө чоң үйбүлө болуп жатып калды. Талант күйөө баласын сырттан окуу бөлүмүнө киргизип, экономисттик окууну бүтүрүп, совхозго иштеп калды. Калыс болсо үйдө балдар менен алек, ай сайын ата-энесинин берген белек-бечкектерине маарып түйшүктүн эмне экенин сезбей күн өтүүдө, баягы өкүнүүнүн изи жок, баары унутулган.

***

Кийинчерээк Калыстын кыял-жоругу өзгөрүп баратты. Аны байкаган Туратбек: "Буга эмне болгон, баягыдай эмес, мейличи эмнеге кызганайын, ансыз да балдар менен алпурушуп кыйналып жүрөт. Келин-кесек менен ичсе ичип койор" деп унчукпай өз иши менен алек болуп жүрө берди.

Данагүл он экиге чыгып калган, бир күнү жумуштан кеч келсе Калыс эч нерсе билбей ичип алып жаткан экен:

- Апаңа эмне болгон кызым? - деп Туратбек кирип келип эле сурады.

- Билбейм, - Данагүл жер карап жооп берди.

- Өзү келдиби?

- Жок, бир аял ээрчитип келип жаткызды го?

- Тааныбайсыңбы?

- Тааныбайм.

- Мейли, үстүн жаап кой, үшүп калбасын, бирдеме ичтиңерби?

- Мен чай кайнатып Кекин менен Алмашка бердим, сиз ичесизби?

- Ооба кызым, бир-эки чыны чай ичпесем башым ооруп чыкты.

- Азыр, - Данагүл тепилдей дасторконун алып келип чай куйганда Туратбек:

- Башка наның жокпу кызым, бу нандарың катып калыптыр го? - деди.

- Нан калбай калыптыр, мен камыр жууруй албайм да…

- Апаң нан жасап койбой эмне кылып жүрөт, үйдөн качан кетип качан келди?

- Сиз кеткенде кеткен, азыр эле келди.

- Акмак, балдарды ачка болот деп ойлобой жүрө бергенин кара, ушул каткан нан менен чай ичтиңерби анан?

- Ооба, - Данагүл чачтары саксайып уктап жаткан апасын карап үн катты.

- Келесоо десе акылынан айнып калган го, - Туратбек ордунан туруп, дүкөнгө барды да бөлкө көтөрүп келди, - чакырчы Кекин менен Алмашты, чай ичип алышсын, өзүң дагы кардыңды тойгуз.

- Макул, - Данагүл ордунан элпек тура калып сыртка жөнөдү, кеч күүгүмгө чейин балдар менен ойноп жүргөн иниси менен сиңдисин ээрчитип кирди. - Атам нан алып келди, чай ичкиле.

- Садага болойундарым десе, апаңар бүгүн нан жасай албай калган тура, кардыңар ачкан жокпу?

- Жок, ойноп жүрдүм.

Келдибек санаасыз мурдун шуу тарта эдиреңдеп койду.

- Мен деле, курсагым ачкан жок.

Алмагүл дагы аны ырастады, бала немелер ойунга кызыгып кардынын ачканына кайыл болуп жүрө берет эмеспи. Бир-эки жыл мурун Калыс камкор аял, мээрман эне эле, Туратбек негедир кийинки күндөрү анын ичип алганын көп байкачу болду. Туратбек эсеп-кысап, совхоздун жумушу менен чолоосу тийбей кээде эрте, кээде кеч келип, кээде отчет бергени районго кетип, үйдөгү жашоосунан алыстай түшкөнгө азыр байкады: балдарынын кийимдери кир, карала-торала болуп калыптыр: "Муну менен ачык сүйлөшпөсөм болбойт" деп балдарынын кейпин көрүп зээни кейип алды. Данагүл кол аякка жараган менен бардык түйшүктү алып кетүүгө жаштык кылат. Ал кээде өзү да ойноп кетип калчу.

Туратбек балдарын жаткырып койуп өзү уйкусу келбей ойлонуп жата берди. Көзү илинип кеткен экен кылдыр эткен добуштан ойгонуп кетип Калыстын сыртка чыгып баратканын көрүп күтүп жатты, бир топтон кийин кирип кайра жаткан аялына:

- Калыс, сен эмне болуп баратасың? Эркек башым менен ичкиликти мен оозума албайм, сен көбөйтүп баратасың, - деди токтоо гана.

- Сен ичпесең ичпе, мен эмне өзүм эле ичип жүрүптүрмүнбү, коңшу-колоң, теңтуштар менен кээде ичип койгонумду көрө калдыңбы? - Калыс анын сөзүн жактыра бербей күңк этти.

- Алар кандай немелер экен, күйөөлөрү бар немелерби? - Жини келе сурады Туратбек.

- Баары бар, телегейи тегиз эле немелер, эмне болуп кетти, менин эрим урушат деп элден чыгайынбы?

- Калыс, эсиңе кел, балдар жаш, бүгүн наны жок каткан нан менен отуруптур кечке.

- Эмне кыл дейсиң, элдин эрлери башы ооруса арак алып берип жазат экен, сен мени жемек болдуң го?

- Мени түшүнчү, балдарды чоңойтуп кой да, кайда каалаганыңдай жүрө бер, бирок бүгүнкүдөй өзүңдү билбей калганча ичпе!

- Бир жолу катуу ичип койуптурмун, ага анчалык эмне ачууландың, мен күндө эле көчөдө жүрсөм дагы.

Калыс чүмкөнө жатып алды, анын сөзүн уккусу келбегенин сезген Туратбек унчукпай калды. Ошондон кийин Калыс көпкө чейин ичпей жүрдү, балким ичсе ичип койуп жаткандыр, бирок Туратбек келгенде үйдө, балдарынын тамак-ашын жасап отурган болот: "Эси бар аял өзү эле түшүнөт эмеспи, катуу айтып жүрөгүн оорутпаганым жакшы болгон экен" деп ойлоп, ичинен ыраазы болуп жүрдү. Бирок койнуна жатканда андан чоочун эркекти көргөндөй эти үркүп кетип, Калыс баштагыдай эркелеп назданган аялдык милдетин унутуп, эрине суз мамиле кыла баштады. Туратбек аны кучактаганда узун устун кучактагандай абалда калчу болду: "Бул соо эмес, башканы таап алган экен, демек аны менден артык көрөт" деген ойго келди ал, сыртынан сыр алдырбай:

- Калыс, сага эмне болгон, көңүлүң жоктой, бирдемеге капасыңбы? - деди көптөн кийин.

- Жок, эмнеге капа болмок элем, сүйүп алган жарым койнумда, балдарым жанымда… - Калыс ары карай бурулуп алды. - Жөн эле… Бир жерим ооругансыйт, каерим ооруганын билбейм, салмактанып жүрөм, - деп үшкүрүп алды.

- Ооруп жүрсөң доктурга көрүнбөйсүңбү?

- Ушул жердин доктуру эмнени билмек эле, барсам шаарга барып көрүнсөмбү дегем. Апамдарды да көрүп…

- Мейли анда, барсаң барып кел, Алмашты ээрчитип ал, таята-таенесине барып келсин.

- Ысыкта аны ээрчитип жолдо оорутуп албайын, өзүм эле барып келейин ээ? - Калыс кубангандай бери оодарыла, - качан жөнөйүн, балдарды өзүң жакшылап карап турасың да? - деди.

- Макул, өзүң бил, - Туратбек аялын бул жолу кадимки жаш кезиндегидей, өзү сүйүп алган чагындай кучактап өөп, аймалап жатты.

Бирок кучагына бир томолок ташты кучактаган сымал муздак, жылаандай ийри болуп, аялы эч кандай берилбегени көрүнүп калды, Тураттын жүрөгү дирт этип алды: "Демек бул мени сүйбөйт, көңүлү жок, башканы таап алган экен" деп дароо токтоду, жүрөгү жанчыла кыжаалат болуп туруп, ары карап жатып алды.

Эки күндөн кийин Калыс Фрунзеге жөнөдү.

- Балдар кыйналып калбасын Калыс, көрүнүп эле кайра эртерээк баса бер, - деди Туратбек аны жөнөтүп жатып.

- Тез эле келем, текшерилип, оорумдун белгисин билсем эле биякка келип дарыланам.

- Апа, тез келиңиз ээ? - Данагүл апасын өөп чекилдеди.

- Апа, келип калыңызчы, биз сизди сагынабыз, - дешип эки кичинекейи жарыша этегине жармашканда Калыс аларды алмак-салмак кучактап өөп:

- Тез эле келем садагаларым, силер жакшы жүргүлө, эжеңин тилин алып убагында чай ичип кечке калбай үйгө киргиле, - деди да Данагүлгө карады. - Балдарды атаң келгиче жакшылап кара, сен чоңойуп калбадыңбы, кызым.

- Ооба, жакшы карайм.

Үчөө үч жактан жабырап коштошуп калды. Туратбек аны кызмат машинасы менен аэропортко жеткирип самолетко салды:

- Жакшы барып кел, атамдарга салам айт, Мирбекти өөп кой.

- Болуптур, жакшы тур, балдарга көз бол, - деген Калыс тепкич өйдө башын жерге сала кетип жатты…

Калыс ошол кеткен бойдон он беш күндөй дайын-дареги билинбей кеткенде чыдамы кетип Туратбек кайнатасынын үйүнө телефон кылмак болуп жатканда чыр эткен телефонду ала койсо аны районго чакырып жатыптыр. Ал күнү чала албай калды. Эртеси кабинетине жаңы киргенде телефон чырылдап калды:

- Алоо, бул ким, аа-а Калыс, сенсиңби, мен өзүм дагы чалсамбы деп жаттым эле, атам менен апам жакшы жүрүшөбү?

- Жакшы, баары жайында Турат, мен дарыланып жатам, кыскасы бөйрөгүм ооруйт экен. Атам дайындап жаткырган, дагы үч-төрт күндө чыгам да барып калам.

- Анда мен барбай эле койойунбу?

- Жо-ок, убара болбой балдарды карай бер, мен өзүм барып калам.

- Макул анда, жакшылап дарылан ээ, мен телефон чалып турам.

- Мейли, жакшы тур.

Калыс тутканы койуп койду. Туратбек көпкө ойлуу отуруп калды: "Бөйрөгү ооруса этиет болуш керек экен, акча керек болуп атабы дебей, атасы менден сурамак беле, мейли дарыланып келсин" деп ойлонуп алды да өз ишине киришти. Бирок Калыс үч-төрт күндө да келбеди. Туратбек шаарга барып келүү үчүн балдарын алып алды да телефон чалды, тутканы Изат алып:

- Ало, - дегенде:

- Апа кандайсыңар, балдар менен бүгүн барып калам, - деп кыска гана айтып койуп койду.

Жумушунан үч күнгө уруксат сурап жолго чыкты. Узак жолдо балдары уктап келатты. Эч нерсе ойунда жок, Туратбек аялын сагынып делөөрүп баратат: "Байкушум жакшы болуп кетсе болду. Балдарымдын энеси, сүйүп алган жарым, барып эле жаткан ооруканага жөнөйүн, балким таарынып жаткандыр" деп койот ойунда. Кечке жуук кайнатасынын шаардын ортосундагы бак-шактуу үйүнө жетип келишти. Үйдөн Изат менен Калыс чыга калды. Үйгө топурап кирип жай алып отургандан кийин:

- Апа, балдар менен кыйын экен, деги Калыс оорубай эле койсунчу, кыйналып кеттик, - деди жылмая.

- Капырай… - деп келатканда Калыс апасынын бутун столдун астынан тээп оозун кымтып, ал караганда башын чайкап койду.

Аңгыча Туратбек:

- Ооруканадан бүгүн чыктыңбы? - деди аялына карап.

- Ооба, бүгүн эле чыктым, баары жакшы деди, атам менен тааныш врач экен, абдан жакшы карады, эми дурусмун.

Калыс апасын сүйлөтпөй көздөрүн ымдай белги берип буту менен нукуп жатканда Изат кызынын бул кылганына таңгалып бир нерсени шекип калгандай тим болуп калды: "Бул эмнеси, күйөөсүнөн жашырынып келгенби? Ооруганын деле айтпады, шуркуя ушундай жоош, момун күйөөсүн алдап жүргөн го, баштагысы башынан, эртегиси эсинен кеткен экен, минтип жүрсө ай мончоктой балдарынан ажырап как талаада калат, эсиңди жый дебесем болбойт экен" деп өз ичинде ойлонуп калды.

Туратбек эч нерсе менен иши жок, балдары менен бир бөлмөдө телевизор көрүп жатты.

Эне-бала ашканасына кирип чукулдашып:

- Ой сен эмне эле мени сүйлөтпөй бутумду тепкилейсиң, сен эмне ооруп келдиң беле? - Эне кызын кабак чытый карады, - качан келдиң эле?

- Апа-а түшүнбөйсүңөр деги, менин ооруп жатканым менен иши да жок, жумуш-жумуш деп үйгө жолобойт, анан бир тааныш келинден путевка сатып алып Ысык-Атага баса бергем, кечээ чыктым. Эчтеме дебе Туратбекке, мен кыскасы жыйырма күндөн бери лечение алдым, - Калыс дулдуя жер карады.

- Шуркуя, бала кезде го бала болдуң, эми балдарың турганда да жолдон чыга баштаган экенсиң го, эгер дагы бир ушундай иш кыла турган болсоң үйгө кирбе!

Изат ачуулана ашканадан чыгып Туратбектер отурган бөлмөгө келди. Ал Мирбек менен сүйлөшүп жаткан экен.

Мирбек быйыл он беште, тал төөндөй болуп акыл эстүү, салмактуу бала болду. Талант аны жанынан артык көрүп, каалаганын алып берүүгө далбастаган менен ал бир мүнөз, өтө эле эркелеген жок, ашыкча акча сурап эки жакка баспайт, кыскасы Таланттын көздөгөнү, ойлогону дал ушул балада, негедир аны көбүрөөк ээрчитип жүрөт. Баягыдай "уул балам жок" деген кайгысы арылган, анткени анын экинчи үйбүлөсү бар…

Талант Саамайды бир көрүп жактырды, жаш аралыгы жыйырма жаштай болгон менен Талант өз жашынан өтө эле ылдый көрүнө турган. Саамай бир күйөөдөн чыккан жыйырма бирдеги келин, бир баласы бар, түшкөн жери жайсыз, күйөөсү ичкич болуп бир жаштагы баласын көтөрүп кете берген. Өзү балдар үйүндө өсүп жакын тууган-уругун билбегендиктен шаарга келип кыз кезинде жашап жүргөн орус кемпирдикине келген. Аны көргөн Валя абдан сүйүнүп, баласын көтөрүп, дини башка болсо да Саамайга энесиндей мамиле кылчу. Саамайды үч жашында балдар үйүнө таштап кетип ошол бойдон эч ким кабар алган эмес. Кээде зээни кейигенде: "Ушундан көрө төрөбөй койсо эмне, туулуп ата-эне мээримин көрбөсөм, таянаарым болбосо, бу жашоонун кызыгы эмне тынч жашай берет элем" деп улутунуп-умсунуп алып башынан өткөн көз ирмемчелик өмүрүн көз алдынан келтирип алды…

***

Анда интернаттан чыгып өз алдынча жашоого кадам таштап жумуш издеп жүрүп, Валя кемпирдин батирине эки кыз менен туруп калды. Заводго кирип күндүзгү сменге иштеп жүргөндө ага Гүлжигит жолугуп калды. Анын мамилеси, жүргөн-турганы, бой мүчөсү Саамайга жагып калган, бир күнү жолукканда:

- Саамай, үйлөнүп алалы, ата-энем үйлөн дешип жанымды койбой жатат, алар тапкан кыз мага жакпайт, мен сени сүйөм! - деди.

- Гүлжигит, мен деле сени жактырам дечи, бирок менин ата-энем жок, балдар үйүндө өскөнүмдү билсе сенин ата-энең мени кабыл албайт го? - деди Саамай ыйламсырай.

- Андай болбойт, көрөсүң го алар сени өз кызындай жакшы көрөт, макул дечи, алтыным, мен башканы албайм, сага гана үйлөнөм, - Гүлжигит кыздын саамайын сылай жоодураган көздөрүнө тигилди. Билесиңби, мен сенин жаныңда турганда өзүмдү кандай бактылуу сезем? - Ойлуу кучагына кысты.

- Билбейм Гүлжигит, менин тагдырым кандай жолдо турганын, бирок жүрөгүм бирдемени сезгендей болуп кыжаалаттанамын. - Кыз жигитинин төшүнө башын жөлөй, көздөрүн жумуп сүйлөп жатты. Ал жүрөксүп келечегинен күмөнсүп, бактылуу болушуна ишенбей турду. - Менин сенден башка ишенген адамым жок бу дүйнөдө, жападан жалгызмын!

- Антпечи Саамай, мен турбайынбы?

Жигит кызды жан-дили менен сүйгөндүгүн далилдөөгө аракет кыла ага эң кооз, дүйнөдөгү эң сонун сөздөрдү арнап сооротуп турду. Ошондон көп өтпөй эле Саамайды ала качып алды. Аны үйгө киргизип башына жоолук салып көшөгөгө киргизгенден кийин Гүлжигиттин апасы Бурмакан уулун ээндетип чакырып алды да:

- Балам, келиндин төркүнү кайдан экен, кандай немелер, кокус кууп келип калышса өздөрүнө жараша тосуп алалы, - деди.

- Апа, Саамайдын ата-энеси жок. Балдар үйүндө чоңойгон.

Гүлжигит башын кашый ушинткенде Бурмакан бир саамга делдейе туруп калды да:

- Ий-е кокуй, эмне дейт карангүн, элдин бетин кантип карайбыз? Кайдагы бир тексиз кызды келин кылып алганыбызды билген эл жерге түкүрөт го, бул сөзүңдү эл укпасын, азыр кайдан алып келсең ошол жерге алып бар! - деди булкуна.

Гүлжигит эмне кылаарын билбей Саамайдын айтканын эстеди, аргасы кете атасын чакырып короонун бурчуна барды:

- Ата, Саамайдын эч кимиси жок, балдар үйүндө чоңойгон, - деди жер карап.

- Эмне болуптур, болсо болоор, экөөңөр бири-бириңерди жакшы көрсөңөр болду да уулум, деги кыз өзү макулдугу менен келдиби?

- Ооба, сүйлөшүп жүргөнбүз.

- Анда эмне минтип жатасың, келиним өңдүү-түстүү келин экен, ата-энеси болбосо биз ага ата-эне болобуз. Алимбек уулун далыга таптай каткырып кубанычтуу бакылдады. Туура эмеспи же?

- Ата… ата сизди түшүнүп турам апам…

- Эмне апаң? - Алимбек уулун оңурая карап калды. Апаң бирдеме дедиби?

- Саамайды кайдан алып келсең, ошол жерге алпарып кой дейт…

- Ата-аңдын оозун урайын десе, ушу катындын текеберлиги өтүп кетти, чакырчы мага аны!

- Азыр, Гүлжигит кудуңдай жүгүрүп кирсе Бурмакан көшөгөнү түрүп салып:

- Кечирип кой кызым, уулум жаңылып алып келип алыптыр, азыр сени өз ордуңа жеткирип келет. Аларды аңкайып карап калган аялдарга. Сиздер да кечирип койуңуздар келчү келин бул эмес, жаңылышып калыптыр балдар, башка келин келет, - деп Саамайды колунан ала жетелеп чыгып келатканда Гүлжигит алдынан чыгып:

- Апа, сизди атам чакырып жатат! - деди эле, апасы сестейип бир аз туруп, анан:

- Мен келгиче мобул кызды алып кет балам, ойлонуп иш кылышың керек эле? - деп чыгып кетти.

Гүлжигит көз жашын үнсүз төгүп турган Саамайды кайра ордуна отургузуп көшөгөнү жапты да:

- Эч кабатыр болбо, апам бир аз ушинткен менен ак көңүл, көрөсүң го, кайра эле сага жакшы карап калат, - деп жүзүнөн өөп сооротуп жатты:

- Гүлжигит, мен ушундайда эле кете берейин, баары бир кийинкибиз кыйын болуп калат. Башталышы мындай болду, аягы деле кыйын болот. - Саамай ыйлап аны жалдырай карады. - Мен өзүм эле кетип калам, сен мени түшүнчү, ата-энеңдин каалаганын кылбасаң болбойт!

- Жо-ок Саамай, мен анте албайм, үйгө келгенден кийин кетирбейм, - деп эки жаш көшөгөнүн ичинде күбүрөшүп жатканда отурган аялдар өздөрүнчө күбүр-шыбыр болуп жатты:

- Ботом тим эле татынакай кыз экен, Бурмакан эмнеге жинденди, мындан артык келинди алмак беле?

- Ошону айтсаң, түшүнбөй да калдык.

- Ээк, деги эчтемени баамдабаган неме экенсиңер, кыздын төркүнү өтө пас болсо керек да, Бурмакан өзү ошондой аял, кокус колунда бар адамдын кызы болгондо оозу оозуна тийбей мактанып, эмдигиче келиндин алдына миң жолу кирип чыкмак.

- Ырас эле ой, Гүлжигитке тиги коңшу айылдагы парторгдун кызын сүйлөшүп жатабыз деген эле, анан баласы өзү каалаганын алып келип калса долулугун карматып жатса керек.

- Бурмакан ушундай болгон менен Алимбек абдан жакшы киши, ага байлык эмес, адам керек, кандай иш болбосун калыс чечкен неме, Бурмакандын оозун жаап койот, көрөсүңөр го? - деп оозун жыйгыча Бурмакан кирип келди, ал керек жерде кууланып, сөзүнүн нугун дароо башка жакка буруп жиберүүгө уста эле. Эч нерсе болбогондой.

- Кечиргиле мени, балдардан чала угуп алыпмын, айланайын десе, келиним менин ойум жаман эмес, - деп көшөгөнү ача берип уулу анын тизесин кучактап отурганын көрүп жини келип алды, бирок эмелеги күйөөсүнүн: "Баламды эл көзүнө, кыз алдында уят кылсаң, менин сөзүмдү эки кылып ашыкча сөз сүйлөсөң карыганда өзүм төркүнүңө жеткирип шерменде кылам. Ата-энеси барбы жокпу ал да адам, көзүңдү ач да барып өз ишиңди кыл!" деген сөзү кулагына угулуп, селт эте көзүн бардап-бардап алды да:

- Кагылайындарым десе, жөжөдөй болуп отурушканын кара, уулум сыртка чыгып досторуң менен сүйлөшүп тур, биз эми конок камын көрөлү, - деп лыпылдап калп күлө Гүлжигитти карады.

- Ооба айланайын. Эми келинди бизге бер сүйлөшүп отуралы, келиндин келген жылы эсинде калат, кыздар жеңеси менен отурсун, - деди жетимиштерден өткөн ак саамай аял.

- Уулум ушундай чырайлуу кызды келин кылып бергенине шүгүр эне, кубанычымды жашыралбай турам, кудай кут кылсын, мүмкүн болсо энелер, эжелер туура көрсөңөр тигил үйгө отурсаңыздар, биерге жаштар келип ырдап, чордоп көңүл ачышсын.

- Туура айланайын, жаштар ойнобой анан, - деп беш-алты аял чыга жөнөштү.

Саамайдын жанында отурган эки-үч кыз калды, аңгыча Гүлжигиттин жоро-жолдоштору кирип шаракташып ырдап, бийлеп киришти. Саамайдын жүрөгү муздай тоңуп, таштай катып эртеңки күнү эмне болоорунан кабатыр болуп турду. Сыртынан жаркылдап күлүп, өзүн бактылуу жандай алып отурган менен ичтен чийки май жегендей жипкирип жатты: "Бул аял мага далайды көрсөтөт го, Гүлжигит менен атасынан өтүнө албай калды окшойт, эмнеси болсо да тагдырымдан көрөөрмүн" деген чечимге келип аяштарынын суроолоруна жооп кылып жатты..

- Гүлжигит, сен мындай сулуу тоту кушту кайдан таап алдың деги. "Сүйүүнүн күчү керемет" дегендей сүйүшүп калсаңар керек?

- Ооба десең, Саамай ушул убакытка чейин көрүнбөй сени күтүп жүргөн тура, эми бактылуу болгула?

- Ылайым бактылуу болгула, көшөгөңөр көгөрсүн, бала-чакалуу болуп өмүрүңөр узун болсун!

- Мына чоң апабыз Гүлайым дагы батасын берип жатат, оой мунун батасы ката кетпейт, - деп Эрмек Гүлайымды карады.

Ошентип шатыра-шатман, күрү-гүү болгон жаштар бир оокумга чейин отурушту…

Саамай Бурмаканга жагуу үчүн абдан аракет кылды, эртең менен эрте туруп баарын жасайт. Гүлжигиттин: "Жата тур", - дегенине карабай таң эртеден чайын кайнатып кайната-кайненесине тураары менен алдына койуп лыпылдап турат. Ошентсе да Бурмакан ага суук тилин агытып:

- Келин алып жыргаган жокмун, куда күтүп мамыр-жумуру болуп чекем тердеп ысык чай ичпедим, бу шерменде баламдын башын имерип алып гана курутпадыбы, - деп күйөөсүнүн көзү бурулса эле какшанып кирет.

Алимбек келинин абдан жакшы көрөт.

Бурмаканды тыйып:

- Сен келинди кордобо кемпир, бу да бирөөнүн баласы, сенин кызыңды бирөө ушинтип турса кантет элең, - деди бир күнү анын сүйлөнүп жатканын угуп калып.

- Капырай мен эмне кылдым, жакшы болсун деп эле акыл айтканым болбосо… -Бурмакан актана кетти.

- Өзүнүн акылы жетет, азыркы жаштар экөөбүздөн акылдуу, таң заардан турат бечара, ал эмне бул үйгө күңдүккө келди беле?

- Турса турат да, жетимканада эрте туруп көнүп калгандыр…

- Оозуңду ур-айын айбан тилиң жаман сенин, уулуң өзү сүйүп алып келип отурат билсең, экинчи Саамайга бирдеме десең көрөсүң, оозуңду жаап жүр! - деп Алимбек аялына ачууланды.

- Дегеле менин сөзүм жакпайт, тектүү жерден алса биз дагы куда күтүп маңдайыбыз жарыла сүйүнүп отурбайт белек? - Бурмакан буркулдай кетти. - Ушунчадан балаң ата-тегин билбеген жуксузду таап алыптыр!

- Болду дегенди угасыңбы же… - Алимбек ага ачуулана бурулганда ал унчукпай калды. Алардын сөзүн ички үйдө отурган Саамай угуп ыйлап алды. Гүлжигит көчөгө чыгып кеткен. Бир аздан кийин Алимбек да кайдадыр басып кетти. Бурмакан өзүнчө күбүрөп-шыбырап атып ички үйгө кирсе Саамай жатып алып ыйлап жаткан эле. Кайра бурула чыгып баратып:

- Ушундан күйдүм, мунун келиши тим эле тозок болду, үйүмдүн кутун качырып уруш-талаш көбөйдү! - деп силкинип жатканда Гүлжигит келип калды. - Элдин балдары жакшы жерден аял алып, ата-энесинин намысын коргойт экен. Сен бир кайдагы немени алып келгениңди билбейм, "келиниң каяктан экен. Ата-энеси ким болуп иштейт?" десе унчуга албай калам, же эмне "таштанды жетимканада чоңойуптур" дейинби?!

- Эмне болду апа, жетимдер адам эмес бекен, анын деле жүрөгү бар, анчалык эле кордой бербесеңиз, - Гүлжигит апасына тайсалдай жооп берди. Келин алсаңыз ушундай эле келин алмаксыз да, жаны тынбай керээлди кечке жумуш кылып жатат го, кылгандары балакеттей эле го?

- Ой өлүгүңдү көрөйүн какмар десе, балакеттей эле го деп, катынынын сөзүн сүйлөп жатканын кара, катын кул болдуң го?

- Жакшы жердин кызын башка балдарың алып берет, мен Саамайдан ажырабайм! - Гүлжигит кирип кетти.

- Муну кара, "башкы көч кайда кетсе, аягы ошоякка кетет", дегендей сени көргөн немелер дагы көчөдө калгандарды алып келбесе болду!

Бурмакан эшикке чыгып кетти. Гүлжигит кирип келип Саамайдын ыйлап жатканын көрүп жанына отура калып сооротмок болуп кучактап калды. Ошол тушта Бурмакан акырын келип эшиктин артынан тыңшап калды. Гүлжигиттин келгенин сезип-туйуп турса да Саамай соолуктап жата берди.

- Саамай, бир аз чыдачы, өзүбүзчө бөлүнүп кетебиз, экөөбүз тең иштейбиз, шаарга кетебиз керек болсо, чыдачы жаным.

- Жо-ок Гүлжигит, менин айымдан ата-энеңден алысташыңды каалабайм, мен үчүн аларга жаман көрүнбөчү, андан көрө мен кетип эле калайын, кыйнабачы кудай жалгагыр…

- Сен эмне деп жатасың, сени мен эч жакка кетирбейм, керек болсо эртең кетебиз!

- Ой бала, кайда кетесиң ыя? Ата-энеңден бөлүнүп эмне тапмаксың, ушу кызалак менен бактылуу болом деп жүрөсүңбү? - деди Бурмакан чыдабай кирип келип.

- Бас жаагыңды! - деп Алимбек кемпиринин артынан кирди. Сени "ушу балдарга тийишпе, өз кадырыңды сакта" деп канча жолу айттым ыя?

- Балаң бөлүнүп кетем деп атса айттым да, же балаңды бөлүп жибересиңби, чогуу жашап качан Омарбек үйлөнгөндө бөлүнсүн дегеним да? - деп Бурмакан кайсалактай чыга жөнөдү.

Гүлжигит менен Саамай бири-бирин карап туруп калды.

Алимбек аялынын артынан баратып:

- Эгер балдар кетем дей турган болсо, бул үйдөн биринчи сен кетесиң! - деп айтканда Гүлжигит да чыгып кетти.

Саамай аргасыз жумушуна киришти, чогулган кирлерин жууп өзүнчө тагдырына наалат айтып, таштап кеткен ата-энесине нааразы: "Эмнеге бул дүйнөгө алып келдиңер, эгер бага албасаңар өлтүрүп койбойт белеңер, жарыкчылыкта жашап жакшы сөз да уга албагандан кийин жашоонун кызыгы кайсы? Өмүр бойу таштанды деген сөз угуп жүрүп жедеп тажадым го, үч жашка чейин баккан андан кийин бага албадыңарбы?" деп жумуш жасап жүрүп да ойлонуп жатты.

Ошол күндөн баштап Гүлжигит ичип келе баштады, алагүү, кээде мас болуп келет, андай күндөрү апасы менен айтышып калчу болду. Алимбек ойлуу тартып уул-келинин бөлүп жибергенди ойлой баштаганда эң кичүү уулу авариядан каза болуп калды. Бурмакан ого бетер күйүткө алдырдыбы же өзүнүн максатына жеткиси келдиби, Саамайды жекирип, көргөн эле жерде кагып-силкип:

- Ушу кара жолтой келгени жакшылык келбеди, жолу катуу какшаал кайдан да балама жолугуп калды десең? Эми муну кетирүүгө болбой калды го, көчүгү батып көксөөсү канып калды да, - дегенге улуу кызы Саадат:

- Койсоңчу апа, татынакай келиниңди минте бербесең, Гүлжигит экөө ынтымактуу болсо эле болду да, - деп тыймак болду эле, ага атырылып кетти:

- Эмне эле атаң баш болуп, муну калкалай бересиңер ыя, менин силерге ушу кечээ келген сетерче кадырым жокпу, ушу кара жолтойдун кесепети тийди!

- Ал эмне, Кадырбекти түртүп ийиптирби, же өлсүн деп ойлоптурбу, эл эмне дейт, келиниңе асылганыңды көрсө?

- Эмне десе ошо десин, көрөт элем мага окшоп тексиз, арамдан жаралып аяксыз калган келинге жолукса, - деп кызынын да сөзүн укпады.

Ичинен тынган Саадат же энесине, же келинине тартаарын билбей отуруп калды: "Эмне болмок эле, ыймандуу татынакай келин, таштаса таштап кеткендир, адашкандар жокпу, жер жүзүндө миңдеп саналат, адам болгондон кийин жаңылануу, таарынышуу боло берет, таза жашап, бир калыпта өмүр сүргөн пенде менен ак жолунан адашып өкүнүчтө жашагандар барабар жашап өтөт эмеспи, апам кызык киши, ага эле эмне мынча асылат?" деген ойдо телмирип калды.

Саадат улуу кызын күйөөгө берип, калган балдары биринин артынан бири өсүп келаткан. Абдан түшүнүктүү неме, күйөөсү экөө тең мугалим. Жашоолору жакшы, ата-энесине анда-санда гана катташат. Анткени алыскы райондордун биринде жашашат. Көбүнчө почто аркылуу кат алышып, телефондон сүйлөшүп турушат. "Кыз - ыргыткан таш" демекчи, кызынын алыс түшкөнүнө Алимбек абдан кейип алаар эле. Бирок эл катары жашоолорун көрүп келгенден бери көңүлү тынып калган. Иниси өлгөндө келип кыркына чейин калып, эки баласы менен үйдө.

Инисинин өлүмү, апасы менен аялынын келише албаганы көкөйүнө тийген Гүлжигит ичкенин көбөйтө баштады. Саамайдын бойунда бар, ага кубанган менен кирип чыгып апасынын сүйлөгөнү жанына батты белем, Гүлжигит үңкүйүп көп сүйлөбөй да калды, мас болуп келет да эртең менен туруп кетет. Ан сайын Саамайдын көңүлү ирээнжип, баарынан кечип кетчүдөй абалга келип, өлгүсү келди: "Мен өлгөндө кейип калчу кимим бар, жаралдым өлдүм, асманда жылдыз өчкөндөй бейкүнөө учуп кетээрмин, ким мени эстеп, ким кайгырмак эле, ишенгеним Гүлжигит кебетеси бул, ушундан көрө" деген ойдо бир күнү Гүлжигит мас болуп келип, эч нерсе билбей жатканда түндөсү ордунан турду, адегенде мурунураак жылытып койгон сууга жуунуп алып, таза кийимин кийди, кудайдан кечирим сурады, анан уктап жаткан күйөөсүн бир карап алды да жылып эшикке чыкты. Короодо мал байланган жиптер турчу казыкта. Акырын чечти да күндүзү байкаган устунга байлады, аркандын учун шашпай илмек кылып түйдү да столго чыкты, ошол тушта мал короонун төрүнө кирип жатып алган эшек бышкырып ийгенде бакырып чочуп жыгылып кетти. Оозгу бөлмөдө жаткан Алимбек үндү угуп чыга калды, эки жакты карап эчтеке түшүнбөй тыңшап туруп калды. Саамай кайрадан столго чыгып мойнуна жипти сала бермек болгондо эшек дагы бышкырды эле:

- Эмнеге бышкырасың, мени өлүмдөн сен алып калмаксыңбы, күндө эшикте жатчу элең, качан кирип алгансың, байкуш? Мал болсоң да бооруң ооруп жатат го, ээ. Айбан сен бооруң ооруса мага адам баласынан жакшылыкты буйрубаптыр, мейли, кантейин… - деп тунжурай жипти мойнуна салып терең дем алып алды, Алимбек үндү угуп акырын мал короонун ичин көздөй кадам таштады. - Мени сен узатасыңбы байкуш, ушу күндө бүгүн сен короого кирип жатып алганыңды кара, өлгүм келип турса да коркуп кетпедимби? - Саамай мойнуна жипти салып алып сүйлөй берди. - Кош, жарык дүйнө, деги жарыкчылык ушунча таттуу, бирок жашаган пенделерине ачуу даамын таттырып жандан кечиргенин кантесиң?! - дегенде келининин үнүн караңгыда өзү көрүнбөсө да тааный койгон Алимбек:

- Балам, түн ичинде биякта эмне кылып жүрөсүң? - дегенде Саамай чоочуп кетип буту столдон тайып кетти, жетип келген Алимбек келинин кармап калды. - Оой Бурмакан, бас бери, Бурмака-ан!

Күйөөсүнүн үнүн уккан Бурмакан чала-була кийинип чыга келди:

- Жарым түндө сага эмне жин тийди, эмне болуп кетти?

- Оозуңа таш, карма мына муну! - дегенде жанына келип чоочуп кетти.

Саамай эч нерсе дей албай шолоктоп ыйлап жатты.

- Кокуй карангүн, бул Саамайбы, эмне кылып жүрөт? - деп тикесинен карматкан келинди кучактап сүйлөп жатты.

Алимбек келиндин мойнунан жипти чечип үйгө экөөлөп алып киришти.

- Балам бул эмне кылганың, сен өзүң эле эмес ичиңдеги баланы да ойлобойсуңбу, эки башты жоготуп алып биз жыргап калабызбы, ансыз да көкүрөк күчүгүмдөн айрылып араң жүргөндө азапты башыбызга салмак экенсиң да? - Алимбек келинин тилдеп жатып анан аялына карады. - Ушунун баары сенин кесепетиңден, балаң да сенин айыңдан ичип туруп алды. Сени кудай урду го, балдарды өз жайына койбой.

- Капырай, мен эмне муну өлтүргөнү жаттым беле, сүйлөп койгонум болбосо кайсы күнөөм…

- Балаңды чакыр, кош бойлуу аялына карабай ичип келип сасып жатып алган акмакты!

Бурмакан бүжүрөй басып, ички үйгө кирип Гүлжигитти түрткүлөп кирди:

- Тур ай бала, сага айткам, кайдагы балээге жолуктуң эле деп, катының өлөм деп короого муунуп кала жаздаптыр, өлбөй-житпей тирүү кетирип тынсам болот эле, тур дейм балам.

Уйкусурап, ичкен арагына башы зыңгыраган Гүлжигит зорго козголду.

- Эмне эле деп атасың апа, уктатасыңбы деги?

- Сен уктап жата бер, катының өлүп алып эртең элге журтка шылдың бололу!

- Эмне-е? - Гүлжигит ыргып турду. - Эмне дейсиз?

- Эшикке чыкчы, көрөсүң өзүң.

Бурмакан туруп кайра оозгу бөлмөгө чыкканда Саамай:

- Ата, кечирип койуңуздар, кыйналып кеттим, кыйналып кеттим! - деп шолоктоп жатты.

Гүлжигит чыга келгенде Алимбек сөгүнүп койо берди:

- Ок ата-аңдын оозун урайын акмак десе, сен ичип жүрө бер, энең сербейтип керээли кечке жумшаганы аз келгенсип асыла берсин, темир эмес го акыры бу келин, адам го?

- Ата, мен эмне кылдым?

Желкесин кашый туруп калды.

- Атаңдын башы!

- Болду эми, өздөрүнчө кой, деги мындан ары сүйлөбөй койсом болобу, койдумчу айланайын, өзүңөр менен өзүңөр болгула. - Бурмакан күйөөсүнөн тайсалдай жер карады. - Кир балам үйгө, Гүлжигит экөөң кеңешип-таңашып алып бөлүнсөңөр бөлүнүп жашагыла, - Саамайды карады.

- Акылы жок катын, үнүңдү басып кал дедим го, же уул-келиниңдин көзүнчө кызыл ала кылып урайынбы ыя? - деп ордунан тура калганда Бурмакан Гүлжигиттин ары жагына өтө качты:

- Кантет деги, эмне кылып жатам?

- Болду, сүйлөбөй кал! - дегенде Гүлжигит Саамай экөө өз бөлмөсүнө кирип кетишти.

Гүлжигит ооруп зорго турган, үңкүйүп кирди да жатып алды.

Саамай төшөктүн четине жатып алып ойлонуп жатты: "Кызык, менин өлгүм келген эмес го, болбосо эмнеден корком, эшектин бышкырганынан да коркобу адам, жандан кечип, өлүмдү күтүп жаткан киши да коркот экен ээ тобоо, болбосо эмнеге бакырам" деп шыпты тиктей мелтиреп көзү ирмелбей жатканда ичи "бүлк" этип кетти: "Эмне болуп кетти, ичим кыймылдадыбы, демек бала чоңойуп калган тура, мен айбан өзүм менен бирге жарыкчылыкты көрө элек баламды да өлтүрүп койо жаздаган экенмин ээ, эми өлбөйм, балам үчүн жашайм, баламды төрөп алып эч кимге бербей багам" деп кубана ичине колун койду эле дагы "бүлк, бүлк" этип туйлап кетти. Негедир өзүнчө эле жүрөгү лакылдай толкунданып алды: "Мен эне болом, мен эне болом! " Ошол учурда ары карап жатып алган Гүлжигит бери карады да аялын кучактап мойнунан аймалай кулагына:

- Саамай, сага эмне болду, чын эле өзүңдү өлтүргөнү жаттың беле? - деди.

- Ооба, - деп ал ооз илебинен үн катты.

- Эмнеге?

- Эмнеге деп койосуң, менин эмне күндү көрүп жатканым менен ишиң да жок, мен сага башында эле айтпадым беле, мендей тоголок жетимди эч ким тоготпойт деп, же айткан жок белем?

- Саамай, деги эмне кыл дейсиң, мен дагы абдан кыйналдым билсең. Сени сүйгөнүм үчүн үйлөнгөмүн, ошол үчүн жашап жатам. Аргам жок, энеме жаман айта албайм.

- Жаман айтпай эле гой, мен эненин мээрими, атанын сүйүүсү кандай экенин билбейм, бирок эненин мээрими чексиз дешет, эгер андай болсо эмнеге апам мени өз баласындай көрүп жакшы сөзүн ыраа көрбөйт? Мен өз энемдей эркелеп мээрим төккөнүн каалайм дайыма. Бирок мени жек көрүп туруп алды го, эмнеге?!

Саамай буулуга ыйлап жатып сүйлөй берди.

- Койчу Саамай, капа болбочу, мындан кийин эч качан ичпейм, жумуш издеп иштеп акча табам, эми чындап бөлүнөбүз, - деп Гүлжигит колун анын курсагына алып барганда түйүлдүк чоочуп кеткендей бүлк эте бөйрөк тушунан жылып кеткенсиди. Гүлжигит башын өйдө кыла келинчегинин жүзүнө үңүлдү. - Бул эмне Саамай, ичиң кыймылдап жатат го?

- Бала, балабыз кыймылдап жатат!

- Койчу, чоңойуп калдыбы?

- Ооба…

- Жаным менин! Мага уул төрөп берчи, мен уулумду көрүп кандай гана кубанаарымды билесиңби, эми канчадан кийин төрөлөт?

- Беш айдан кийин.

- Ошончо эртеби? Кой анда кокуй, мен ичпей калайын, балам экөөңөрдү бөпөлөп гана багып аламын.

Гүлжигит келинчегин аймалап жатты. Саамай күйөөсүнө ичи жылып эрки менен болду, аз да болсо жүрөгү элжиреп алган жарына ыраазы болуп турду: "Апасы асылса мейли, күйөөм мени жакшы көрүп турса болду, балалуу болсом анан жашообуз оңолуп кетээр" деп кубаныч үмүтүн улап, алды жагынан жакшылыктын жарык шооласы жетелегендей кыялдана күйөөсүнүн колтугунда мемирей уйкуга кирди. Ушул учурда бир нерсени сезгендей курсактагы түйүлдүк дагы бүлк этип туйлап, али жарыкчылыкка келе элек болсо да эненин кайгысын сезгендей ошол түнү тыбырап жан алакетке түшө курсакты тепкилеп жатты…

Ошол күнү Гүлжигитти эки жолдошу колтуктап алып келди, булдуруктап бирдемени сүйлөгөн менен эчтекени түшүндүрө албай жатып уктап калды. Жанында отурган Саамай көзүнүн жашы он талаа болуп санаа менен көңүлү ооруп отуруп сырттан кайненесинин кыйкырган үнүнөн чыга калды:

- Апа, чакырдыңызбы?

- Сени сагынып жатат дейсиңби, тиги короодогу эчкинин улактарын бошотуп койчу, оттой берсин.

- Макул апа.

Саамай тыпылдай жетип улактарды бошотуп кайра келгенде аны акшыя караган Бурмакан:

- Жаныңды бакканга кыйын экенсиң, дароо эле үйгө кирип жатагаласың да, - деди сүйүңкүрөбөй. - Барып казанга суу жылытып, эки-үч аялды чакырып кийиз жасай койолу.

- Болуптур, - Саамай ары көздөй басып баратып кайра бурула кайненесине жалдырай карады. - Апа, мен эч качан энемди же атамды көргөн эмесмин, аз да болсо эненин мээримин көргүм келет, мени жаман көрбөңүзчү апаке, азыр мен үчүн тыйындай орун бериңизчи жүрөгүңүздөн, өмүр бойу кулуңуз болойун, астыңыздан кыя өтпөйүн. Кичине болсо да мага жакшы сөзүңүздү ыроолоп койуңузчу, апаке! - Саамайдын көз жашы эки бетин жууп Бурмакандын алдына келип чөгөлөй калды. - Апакебай, мени бир гана жолу, жок дегенде жарым мүнөткө бооруңузга кысып, мээрим төгүп койсоңуз?!

- Кантет ой келин, бул эмне кылганың. - Бурмакан алдастап ушул убакта эмне кылаарын билбей калды. - Айла-анайын десе, кой минтпей жүрчү, садага! - Бурмакандын энелик айкөлдүгү жеңип келинин бооруна кысып отуруп калды. - Кой балам, мынчалык кейибей жүр, балага зыян болот, бойунда бар аял кейибей, көңүлүн көтөрүп жүрүш керек.

- Ыраазымын апа, ушунуңузга миң мертебе ыраазымын, эми сиз уруп тепкилесеңиз да, сабап урсаңыз да баарына кайылмын, бир мүнөт болсо дагы эненин жытын, мээримин сезгендей болдум. Ыраазымын апа! - Саамай ордунан туруп өз ишине киришти.

Бурмакан жасап жаткан жумушун унута келинин телмире карап туруп: "Бечарам а-ай, мынчалык муңдуу үнү адамдын муун-жүүнүн бошотот да, карааныңдан кагылайын балдарымдын мындай өкүнүч-арманы жоктугуна тобо-оо" деп ойлонгон менен баары бир жүрөгүндө ага деген эч бир сезим козголбоду.

Гүлжигит түн бир оокумда ойгонуп алып казан-аякты калдыратып суу ичти да аялынын жанына жатып алып кучактаганда ал колун түртүп койду:

- Сен ичпейм деген убадаңды аткарган жоксуң.

- Кечирип койчу, жумуш издеп чыгып досторума жолугуп калбадымбы, анан балалуу болоорумду айтсам жууп калбадыбы.

- Төрөлө элек баланы жуудуңбу, тууларына эмес тураарына сүйүн дегенди билесиңби?

- Кудай сактасын, уулдуу болсок өзүбүзчө жашайбыз.

- Балаң экөөбүздү ушинтип кечинде эс учуңду билбей келип жатып кайра эртең менен кетип жүрүп багасыңбы?

- Жок-жок, алтыным, ичкиликти оозума албайм, көрөсүң го жашообуз жакшы болот. - Гүлжигит келинчегинин көңүлүн алмакка кучактап, өөп жыттап жатты. - Мен сага убада берем жаным, ичкиликти таптакыр таштайм!

- Макул, дагы чыдайын, күтөйүн акырына чейин, өзүм үчүн эмес азыр ушул курсактагы күнөөсүз наристе үчүн жашап жатам, өзүмдөн бетер ата-энесиз өсүп калбасын дегеним…

- Капаланбачы эми, баары жакшы болот деп жатам го, небересин көрсө апам деле жибип кетет.

- Билбейм Гүлжигит, билбейм… - Саамай улутунуп алды. - Апам мага жибибей калды го?

- Жибибей кайда бармак эле, апамдын ак көңүлдүгүн көрө элексиң да-а? - Гүлжигит чалкасынан түшүп жатып алды да. - Сен мага ишенсең эле болду, калганы ойдогудай бүтөт.

- Макул, укта эми.

Саамай ары бурулуп жатып ыйлап кирди, солкулдап ыйлай берди. Аны Гүлжигит сезген жок, ойлонуп шыпты карап жатып уктап кетти. Эртеси Саамай ордунан туралбай ооруп калды. Эти от менен жалын.

Бурмакан анын ооруганын билгиси келбей жинденип жатты:

- Тобо-оо, азыркы жаштарга түшүнбөй калдым, жалкоосу кармаганда эле оорудум деп боорун жерге төшөп жатып алат экен, - деген үнүн Саамай угуп калтырап турса да ордунан туруп сыртка чыкты, күндө жасаган жумушун эптеп жасап кыбырап жатканда Бурмакан ага бир акырайып карап койуп анан мурдун чүйрүп ары карай басып кеткенде Саамай:

- Апа, айланайын апаке, абалымды бир карап көрүңүзчү, жаман абалда турам! - дегенде:

- Ийи, жан ширин бекен ээ, кечээ эле өз жаныңды кыймак эмес белең? - деп көзүн сүзө кайрылып келип чекесин басып көрдү, чоочуп кетти. - Балакет баскыр десе, кой жүрү үйгө кирчи, - деп колтуктап алып кирди. - Жата гой балам, мен сенин мынчалык ооруп калганыңды билбедим да, дары алып келейинчи, - деп алдастай чыгып кетти.

Бир топтон кийин доктур ээрчитип келип калды.

- Кана көрөлүчү, - доктур Саамайдын тамырын кармап көрүп, - тезинен ооруканага жатыш керек.

- Жатса жата койсун балам, ушундайда жатып дарылансын. - Бурмакан чоочулай карады.

- Бойунда бар экен, козголуп калыптыр!

- Ко-оку-уй, баягүнү чоочуп калган го?

- Эмнеден чоочуйт, ошондон бери бир жолу көрсөтпөй жүрө бердиңерби?

Врач шашылыш чыгып кетти. Бурмакан врачтын артынан чыгып:

- Ээ айланайын, машина таап өзүм алып барайынбы? - деди эле ал кетип баратып үн катты:

- Азыр машина келет.

- Аа-а мейли, күтүп турайын, эртерээк балам, күйөөсү да үйдө жок эле… - Кайра кирип Саамайды карап чебелектеди. - Балам, кийимиңди которуп аласыңбы?

- Жок.

Башка сүйлөөгө кудурети келбей баш чайкады.

- Кудай сактай көр, катуу чоочуп калсаң керек, өзүңө-өзүң кылдың балам ай, неге өз жаныңдан кечип кете жаздадың дейм да, кайнене деген анча-мынча сүйлөйт, тилдеп койот, анын эмнеси бар айланайын, балдар үйүндө өсүп көп нерсени түшүнбөй орустай болуп калгансың да-а.

Аңгыча сыртка машина келип токтоп эки ак халатчан кирип Саамайды колтуктап алып чыгып отургузганда Бурмакан кошо түштү. Жолдо баратып Саамай эсин жоготуп койду, отурган жеринен кулап кете жаздаганда Бурмакан кармай калды, астынан кан кеткенин көрүп сестралар кушеткага жаткырып:

- Тезирээк, кан кетип жатат, - деди.

Аңгыча жетип келип жүгүрүп чыккан ак халатчандар тегеректеп калышты. Саамай үч күн көзүн ачпай жатып араң эсине келди, бойунан түшүп калганын айтып жакшы карап жатып зорго сакайды, үйүнө келгенден кийин эч ким менен сүйлөшпөй өзү менен өзү болуп калды.

Гүлжигиттин ичкени токтободу. Саамайдын эси-дарты эптеп бул үйдөн качып кетүү болуп жүргөндө көңүлү айнып кускусу келип сыртка чыгып кусуп жатып: "Кудай ай, бойума болуп калган го" деп көзүнүн жашын көл кылып боздоп ийди. Анын ыйлап жатканын көргөн кайненеси:

- Эмне болду ботом, эмеле татынакай болуп турбадың беле?

- Эчтеке болгон жок, апа. - Саамай көзүн аарчый ордунан тура калды. - Эмне кылайын?

- Эчтеке, өзүң билип жасасаң жасай гой, мен сага үйрөтүп жүрүп чарчадым, - деди да Бурмакан чыгып кетти.

Саамай күйөөсүнүн эчтеке менен иши жок ичип алып жүргөнүнө зээни кейиди: "Бул эми оңолбойт, ичкенин токтото албайт, ушундан көрө эптеп кетип калайын, дайынымды таптырбай кетем, минтип жүрө берсем муну да төрөй албай таштап койом. Мен өзүмдөн мурун баламды сакташым керек" деген ойго берилип эс ала түштү.

Ошол күнү кечинде Алимбек чогуу отурганда Саамайды карады:

- Балам, Гүлжигит келсе аны дарылатайын, анан шаарга бөлүнүп жашабасаңар болбойт, бу иттин баласы оңолсо оңолду, болбосо сени да кыйнабайлы. Жаш өмүрүң бир ичкич менен тозокто өтмөк беле? - дегенде Бурмакан чебеленип кетти.

- Капырай, өз балаңды ошентип айтканга кантип оозуң барды?

- Балаңдын акылы болсо бирөөнүн баласын алып келип койуп өзү өлүүсү же тирүүсү билинбей мас болуп келип итче жатып, эшекче туруп кетип жүрө береби? Бул да адам баласы го, өз өмүрүндө жакшы күндү көрүшү керек.

"Аттиң убакыт жетээр бекен, көзүм өтүп кетсе… "

Ушуларды ойлогон Алимбек тунжурай түштү.

- Андан көрө акыл айтып, ичпе деп урушсаң болбойбу?

- Урушканда эле ошол уга калчубу? Канча жолу айттым балаңа, эси жок бала акыры жүрүп жолдо калат. - Ордунан туруп баратып аялына. - Уул-келиниңе берчү буйумдарыңды даярдай бер. Өздөрүнчө жашап көрүшсүн, Саамай да кыйналды, - деп койуп басып баратканда алдынан эчтеке билбей теңселе баскан Гүлжигит чыкты. - Ок атаңа наалат, кебетесин кара, адам болбой калдың го, кандай ойлонбогон баласың ыя?

- Ат-та-а…

Гүлжигит теңселип жыгылып кете жаздаганда Бурмакан келип кармап калды:

- Карангүн ай, мынча эле эмне ичесиң ыя, арактан мүйүз чыкса тиги Болотбекке чыгат эле го? - деп жетелеп үйгө киргизип баратып, - ой келин, кармасаң боло? - деди үндөбөй отурган Саамайга.

- Эртең муну өзүм шаарга алып барып дарылатам, оңолсо оңолду, оңолбосо мындай баланын барынан жогу!

Алимбек короосунан чыгып кетти.

Кейип-кепчиген Бурмакан Гүлжигитти жаткырып койуп үстүн жапты да:

- Атаңдын канын ичкир, мынча эмне ичесиң, арак эле жыттанып калыпсың, өф-фү! - деп бөлмөдөн чыгып кетти. - Шаарга барып үйү болбосо кантишет булар, тааныбаган жерде минтип ичсе бир күнү тырайып өлүп калат го?

- Апа, бүгүндөн баштап муну эч жакка чыгарбай койбойсуздарбы, эки-үч күн үйдөн чыкпай калса унутуп калат эле… - Саамай өз ойун айтты.

- Ушу токтомок беле, сенин тилиңди укпаган неме мени угабы? Жөн кой, дарылатса дарылатсын.

- Укол дарынын зыяны тийсечи?

- Кайдан билдим… айлабызды кетирди го бул бала, айткан акылды укпаса…

Сөрүгө отуруп алып сүйлөшүп жатты. Саамай тамак жасамак болуп баратып дагы окшуп алды, майдын жытына көөнү айнып окшуганын көргөн Бурмакан: "дагы бойуңа болуп калган беле, ушунусун аман-эсен төрөп алса экен" деп келинине боору ооругандай карап алды. Күнү кечке кусуп кыйналып кечинде эрте жатып алган Саамайды тим койду: "Кокус дагы түшүрүп албасын, балалуу болуп тынч жашап калышса экен, жетимби, ата-энелүүбү баары бир эмеспи, болоору болуп бойоосу канды, эптеп эл катары жашап кетсе экен" деген ойдо күйөөсүнө кечки тамакты өзү берди.

- Келинге эмне болду?

Алимбек аялын карай суроо берди.

- Ал кош бойлуу болуп калган го, кусуп атып жатып калды.

- Бечара, ал дагы көтөрүмдүү экен, эгер ата-энеси болсо балаңдын жанында бир күн турмак эмес. Аргасызды ого бетер аргасын кетирди го эси жок уулуң!

- Оңолуп кетээр атасы, көп эле көңүлүн оорута бербечи, эртең кечке эч жакка чыгарбай өзүм кайтарам.

- Мен эртеңкиге сүйлөшүп келдим, шаарга барбай эле үйдөн дарылата турган болдум, бул жерде андай дары-дармек болбойт дейт, алдырам деди го?

- Ошентчи чал, шаарга алпарбай ушул жерден көрөлү, кудай шыпаа кылып койсо оңолуп жашоонун жакшылыгын көрөөр… -Бурмакан ойлуу үшкүрүп койду. - Ботом, сен деле ичкен жок элең, кайдан да ичкенге үйрөнүп кетти, билбейм.

- Ошонун баарына сен күнөөлүүсүң, келинге асылып туруп алдың, же ага же сага болуша албай эле ичкенге көнүп кетти.

- Мейли-мейли, менде күнөөнүн баары, эми сен эптеп аны оң жолго салбасаң "баягынын алкаш баласы" дедиртип уят кылат го?

- Уят болгонду эмне кыласың, бир үйдөн бир жинди чыгат, тооктун жумурткасынан деле сасыткы чыгат турбайбы, өзүнө жаман, адамча жашоону билбей өтүп кетет… - Алимбек башын жерге салып отуруп калды. Ойунда уулунун келечеги мурда кийин балдарынын эртеңкисин ойлогон менен минтип ичип кетээри ойуна да келбептир. Эми гана Гүлжигиттин көзү ачылбай ичип туруп алганы зээнин кейитип турду: "Өз тагдырынан көрсүн, бир аракет кылып көрөйүн" деп оор күрсүнө сыртка жөнөдү. - Төшөк сал, баса келинге бирдеме берип койсоң боло, бечара курсагынын ачканына кайыл болуп жатат го тартынып.

- Өзүнүн көңүлүнө эчтеке туура келбей жатса кантмек элем, талгак учурунда ошенте берет, эки-үч айдан кийин өзүнө келип калат.

- Мейли, эмнеси болсо да бооруң ооруп, адам баласына жакшылык кылуудан баш тартпа, кемпир.

Ошону менен башка сөзгө өтпөй сыртка чыкты, айлананы карап, төбөдөгү жымыңдаган жылдыздарга тигиле: "Ээ жараткан, бу дүйнөгө ыйлап келип, күлүп кетет экенбиз го, ушул жашты бергениңе дагы ыраазылык, бири кем дүнүйөңдө тузу жок аштай өмүр сүргөнгө караганда шүгүр кылам, жакшы жашадым. Бир гана балам ордун таба албай орто жолдо турганы жүрөк оорутчу болду, пендең жаманды да, жакшыны да көтөрө албаган жанбыз, ушул уулумдун адам катарына кошулуп жашап кетиши үчүн бар күчүмдү жумшамакмын, бирок кудуретим жетээр бекен, эки күндөн бери түшүм жаман, аманатыңды кечинен берсең дагы бир жолу ойдогу санаадан арылып алдыңа барууга даяр элем" деп эки колун артына алып басып жүрдү, күндөгүдөн башкача жүрөгү ээленип төшүн тебет: "Жүрөк оорум кармап турат окшойт, бир өмүр түшүнүгү жок аялдан жабыр тартсам, өмүрүмдүн акырына аз калганда уулумдан көөнүм тынбай калды" деп терең дем алды да үйдү көздөй келе жатканда:

- Алимбек, кирбейсиңби үйгө, - деген Бурмакандын үнүнө улай кирип келди.

- Сага эмне болду, ооруп турасыңбы? - деп Бурмакан күйөөсүнүн өңүн көрүп чоочуп кетти.

- Бир жатып эс алайынчы, - деп бийик койулган жаздыкка жата кетти.

- Азыр дары берем. -Бурмакан алдастай шашып дарыларын алып келип берди. - Эс ал, ойлонуп койдуң го, балдарга айтып доктурга жатсаңчы.

- Жо-ок кемпир, тим эле кой, коркпой эле андан көрө тынчыраак эс алайын, сен улам карап тур, жүрөгүм жаман болуп турат, - деди да кыңкайып жатып калды.

Бурмакан күйөөсүн бир селт этип карап алып анан дасторконун жыйып болгондон кийин калыңдап төшөк салды, башын бийик койуп Алимбекти ордунан тургузуп келип жаткызды да:

- Эс ал, көп ойлонуп койдуң окшойт, эс алчы, баары жанагы Гүлжигиттин азабынан, адамдай болуп жашаганды билбей калды го.

Кейип-кепчий чалынын жанына жамбаштай кетти. Бир кезде көзү илинип кеткен экен:

- Бурмакан, турчу өйдө! - деген күйөөсүнүн үнүнөн улам ойгонуп кетти:

- Эмне болду, кыйналып жатсаң доктурга келинди жөнөтөйүнбү?

- Жок. Туруп, жаныма келип отурчу. - Алимбек өйдө болуп отурду да. - Дары берчи, - деди. Дары ичип анан көпкө үңкүйүп калды, бир топтон кийин: - Бурма, кокус болуп кетсем балдарга жакшылап көз бол, келинге көп эле асыла бербе, андан көрө баарынын башын бириктирип ынтымактуу болууга акыл-насаатыңды айт. Аттиң, жакшы эле кайраттуу жан элем, болбой калды, менден кеткенди кечир кемпир, пенделик кылып катуу сөз чыгып кеткен болсо…

- Эмне деп атасың атасы, эки уулуңду үйлөй элекпиз, жаманды ойлобочу. - Бурмакан күйөөсүнө жакын келип, карыдан кармай калды, - Анча-мынча ооруга кабалтең элең… - Ыйлап жиберди.

- Кайраттуу бол кемпир, кезеги келсе дөө да өтөт дүйнөдөн, мен дүйнөгө түркүк болмок белем, чуу көтөрбө. - Алимбек онтоп ийди, оң колун жүрөк тушуна алып барып саамга энтиге бир колу менен жер таяна отуруп калды.

Бурмакан далбастап аны жөлөп да, бышактап да жатты.

- Доктур чакырайын, балаңды ойготойун, эмдигиче соолуккандыр…

- Тим кой, бир аз эс алып калдым, көп эле далбастаба, отур мындай. - Жанынан орун көрсөтө колун жаңсады. - Мен баары бир кетем кемпир, кечээ түндө уулум менен атам болуп кетип жатыптырмын, бир үйгө барсак аерде апам күтүп туруптур. "Кел балам, көптөн бери күтүп чарчадым, сени биз аябай сагындык, уулум" деп эки колун жайып кучактап алып койо бербей жатып ойгонуп кеттим.

- Кечээ эмне унчукпадың анан, жыт чыгарып кудайы өткөрө койбойт белек?

- Ээ байбиче, ичээр суум, көрөөр күнүм бүтүп баратса ага себепчи болоор нерсе барбы, андан көрө эрте туруп, эки жагыңды жый, мага өзүм минип жүргөн сары атты сойгула, кечки конокко эки кой сойуп, анан ызат-сыйымды жасагыла, атамдын сол жагына койгула!

- Эмне деп эле жатасың, акылыңды жыйчы бай болгур. - Бурмакан безилдеп жатты. - Алимбек!

- Отур, жанагыдан жакшы болуп калдым. - Алимбек Бурмаканды колунан тартып отургузду. - Бала болуп кетесиңби, мен сени кантээр экен деп жатам, кичине токтоо болсоң боло?! - Алимбек жылмайып алды, - ээ кемпир, адам баарына даяр, бардаштуу болуш керек, ушу балдарга баш көз болчу сенсиң…

- Ушунча дагы коркутасыңбы, жаман сөздү айтпай жүрчү, таң атпай улак алдырып түлөө өткөрүп ийеличи.

- Мейли кемпир, өткөрсө өткөрүп койолу, түн жарым болуп калды, эс алалы, тынч жатып эс алалы.

- Жакшылап эс алчы. - Бурмакан күйөөсүнүн жанына жатып, - ээ кудай айланайын, деги тынччылык бере көр! - деп алды, анан көпкө чейин ар кайсыны ойлонуп жатып уктап кетти.

Эртеси эртең менен Гүлжигит Бурмакандын ачуу үнүнөн ойгонуп кетти, аны менен кошо Саамай да ыргып туруп кийинди да, оозгу бөлмөгө жүгүрүп чыгышса атасынын башын кучактап алып ыйлап жаткан экен:

- Эмне болду апа?

- Атаңдан айрылып калдык балам, тур шаарга телеграмма жөнөт!

- Ата-а! - Гүлжигит баса калды. - Ата, атаке, эмне болуп кетти?!

Алар ызы-чуу түшүп, Гүлжигит өкүрүп-бакырып жатканда коңшу-колоңдор чогулуп келип калды.

Ошентип Алимбектин дагы ырым-жырымы менен ызаат сыйын жасап жерге беришти. Айтканындай эле сары атты сойгондо абдан семиз чыкты. Бурмакан күйөөсүнүн кыркына чейин сүйлөбөй балдарына акыл-насаатын айтып отурду. Акыры көнгөн адат, кыял-жорук адам өлмөйүнчө калмак беле, өзүнчө ойлонуп отуруп: "Саамай кара жолтой келин болду, ушул келгенден кийин балам өлдү, эми күйөөм, кантип ушуга ичим жылымак эле, балама дагы зыяны тийе электе жоготойун" деп жатты. Саамай бул кезде ичи чоңойуп, отуруп тура албай калган. Бурмакан аны көргөн сайын жини келчү болду.

- Ай келин, Манас тууй тургансыбай бол тиги көңдү которуп кой, - деди бир күнү ага.

- Апа, ичим ооруп кыйналып жатам.

- Эчтеке болбойт, мен ошентип жүрүп эле төрөгөм жети баланы.

- Азыр…

Саамай эңкейип кайра өйдө болуп көң которуп жатып кыймылдай албай калды. Кечке зорго бүтүп отура калды эле Бурмакан аны акшыя карады:

- Дегеле жалкоо экенсиң ботом, сендей убакта төрөөр төрөгөнчө иш кылып эртеси төрөп алчумун, кеч кирип баратат, тамак жаса.

- Бир аз эс алып алайынчы, апа, - Саамай ыйламсырап ийди.

- Жумушуңду бүтүп анан эс ал, Гүлжигит да келет азыр, аны болсо тыялбай калдык, - деп боз үйгө кире бергенде Гүлжигиттин үнү кулагына шак дей түштү:

- Ата-а, эс-кайра-ан, атакем оо-ой!

Темтеңдеп боз үйгө жетип жөлөнүп өкүрүп жатты.

- Кудай ай сени эми кантип гана тыяр экемин? Болду, эл укса эмне дейт? Жаңы өлгөндөй өкүргөнүңдү укса шылдың кылат! - Бурмакан чыга калып колтуктап алып кирди. - Деги ичкиликти таштап адам болоор күнүң бар бекен, жакында балалуу болсоң кантип багасың ыя, катының тууганы турат, бир ойлонсоң боло?

- Апа, м-мен атам-ды-ы эс-сте-п… үү-үү!

- Кыйраттың, атаңды ойлосоң намыстансаң болбойбу, кандай киши эле атаң, эл журтка, улуу кичүүгө кадырлуу эле го?

- Ош-шо мме-ен жж-ама-ан уу-ул бол-дум, - бойун кармай албай жыгылып кете жаздады, аны кармап турган апасы теңселип барып түзөлдү.

- Ок, акылың болсо өлөм дегиче адам болсоң боло балам, баягы Алимбектин баласы ичкич, алкаш дедирбей, токтоткондун ордуна көз ачпай иче баштадың го, атаң жалаң сени ойлонуп атып өтүп кетти, эсиңе кел балам!

Баласына ачуусу бир келсе кайра боору ооруй жаткырып койду. Саамай дөңгөчтө отурган бойдон козголбоду, аны көрүп Бурмакандын жини келди:

- Эр дегенди карайт, ичип келсе жанына жатпайт окшойсуң. Менден мурун жетип аны кармап жаткырып койсоң болбойбу?

- Апа, өзүм кыйналып жатам.

Саамай көзүнүн жашын мончоктото отура берди.

- Мейли, жатып эс алчы, - деп койду Бурмакан:

"Капырай, мурункусу дагы түшүп калды эле, кайра-кайра баш жоготуп атабыз, кой кыйналып атса эс алсын, карап койойунчу, баланы төрөгүчө унчукпайын, анан баланы алып калып өзүн кетирип ием" деген ойдо унчукпай калды.

Гүлжигит булдуруктап жатып уктап калды. Эртеси эч кимиси ойгоно электе туруп кетти. Бурмакан улуу баласын чакыртып ийди эле тез эле келип калды, бала-чакасы, улуу кызы Саадат болуп Байжигит эки күн туруп Гүлжигитти шаарга алып кетти. Саадат апасынын жанында калды, Саамайдын бойунан козголуп калган экен, ооруканага жаткырышты.

Эки ай дегенде Гүлжигит арагын таштап өңү куп-куу болуп келди. Бурмакан түлөө өткөрүп санаасы тына отуруп калды. Саамай уул төрөдү. Балалуу болгонуна кубанып, Гүлжигит дагы ичип алды, апасы менен Саамайдын айтканына болгон жок:

- Койгулачы эми, балалуу болгонума кубанып ичип койдум, мындан кийин такыр ичпейм, - деп башын жерге салды ал.

- Балам, атаң да сенин ичкениңди койдурам деп сарсанаа болуп атып жүрөгү кармап өлдү, эми ойлонсоң боло, ичпей кубанса болбойбу, бу арак балакети жок эле балалуу болгондор абийири менен жашап жатышат го?

- Ичпейм апа, эми ичсем ит болойун.

- Убаданы көп берип аткаралбай, канчадан бери жүрөсүң. Сенин чөйрөң жаман, үйдөн чыкпай эле койсоң ичкиликти унутат элең. - Саамай ага ишенбей карады. - Арактан жакшы аттуу болгон адамды көрө элекмин.

- Эми сен калдыңбы? Ушу силердики өттү ичпе, ичпе дей берип жанымды кейитесиңер!

Гүлжигит туруп чыгып баратканда Саамай анын алдын тосту.

- Эч жакка барбайсың, эгерде дагы ичип келсең баланы алам да кетем!

- Эмне-е, сенин балада кандай акың бар, "алып кетем" дегендей? Кетсең өзүң кете бер, бала менде калат!

- Мен төрөгөндөн кийин акым бар, алып кетем, бул жерге бир мүнөткө да калтырбайм!

- Кана, жөнөчү көрөйүн, деги кайда, кимге барасың, баягы орус кемпириңеби?!

- Кайда болсо да кетем, ушунча чыдадым, эми чыдай албайм!

- Мына сага! - Гүлжигит Саамайды жаакка чуу эттире чаап-чаап жиберди. - Кетип көрчү, өзүңө окшоп жетимканада чоңойткуң келип атабы?

- Гүлжигит, сен ушинтип айтат белең?

- Айтса эмне экен?! Ырас айтат, баланы талашып эмне кылат экенсиң, кеткиң келсе өзүң кет! - Бурмакан баласына кошула ага кыйкырды. - Сенин келгениң бизге жакшылык алып келген жок, кара жолтой болдуң, чырактай уулум, андан кийин чалым өлдү, кетсең кете койчу деги, баланы өзүм эле багып алам.

- Апа! - Гүлжигит апасына бурулуп ачуусу келе бакырды. - Кой деп экөөбүздү тынчтандыргандын ордуна кайрайсыз да?

- Капырай де, жөн эле айттың беле? Чынында ушу аялыңды көргүм келбейт, мага десе өлүп кетсин! - деп Бурмакан ары басты. - Өзүбүз көрүп билген жердин кызын эле ал десе болбой кайдагы бир таштандыны алып алып үйүбүздөн кут кетирдиңер!

- Деги экөөңөр тең өлүп кеткилечи, ортоңордо жүрүп өлмөй болдум, - деп Гүлжигит атырыла чыгып кетти.

Саамай ыйлап жатты. Бурмакан унчукпай калды: "Кемпир, балдарды ынтымакка чакыр, келинге асылганыңды кой" деп күйөөсүнүн айтканы кулагына жаңырып, ачуусун баса эшикте жүрүп Гүлжигиттин кетип жатканын карап турду: "Дагы ичет эми, бул аракты койо албайт, эми эмне кылам?" деп телмире калды.

Гүлжигит ошол күнү ичип келип Саамайды тепкилеп койду:

- Сенин "кара жолтой" деген атың мени ичкич кылды! Деги апама жакпадың го! Мен эмнеге ичип жүрөм ыя? Экөөңдүн келишпегениңерден ичип жүрөм, билсең.

- Эмне кылам Гүлжигит, жетимдигим күнөөбү?

- Жетим эмессиң, сен таштандысың!

- Гүлжигит, ушундан көрө өлтүрүп койчу деги, жаныма батты го силердин сөзүңөр. - Саамай буркурап ыйлап жатты. - Ата-энемдин жогу менин бактымды байлады, ушундан көрө тирүү жүрбөй өлүп тынайын. Сенин тилиңди алып ушул үйдүн босогосун аттадым эле, жакшы сөз укпадым…

- Болду, өлөрмандыгыңды карматпай, чай берчи.

- Азыр…

Саамай аргасыз ордунан турду, бирдеме десе дагы келтек жээрин сезди, көзүнүн тегереги көгөрүп кетти, бутун сүйрөп, араң дасторкон салды, жүрөгү зыркырап ооруп көңүлү ирээнжип турду: "Неге ушундай менин тагдырым? Кайда, ким менин ата-энем, кандай жан деги, бул дүйнөдө аман барбы же алда качан сөөгү сөпөт болушканбы?" деп ойлосо уйкусу качып, түнү менен ыйлап чыкты: "Күлсөм күлкүм жарашып, ойноп күлөөр чагымда азаптан башым чыкпай көз жаш төгүп жүрүп кыйналдым, неден жаздым, кудайга кайсы күнөөм үчүн?". Анын ыйын эне-бала сезген да жок, эч нерседен капарсыз уйкуда. Ымыркайын улам жөргөктөп, кайра эмизип, Саамай ушул күнөөсүз наристесинин келечегин кудайдан тилеп отуруп таң атырды.

Гүлжигит күндө мас, бара-бара анын абалы көчөдөгү бомждан айырмасы калбай калды. Кийимин эртең менен которуп кийип кетип кечинде балчыкка, ылайга жыгылып жетип келет, кокус келбей калса Саамай көчөдөн-көчө кыдырып издеп таап келет, анда да жөн келбей аны сөгүп, чала-була жаза чаап зорго келет. Баласы Закир бир жарым жашта, там-туң басып калган…

Саамай түндөсү качып чыкты. Кеч баласын кучактап алып эптеп адам көзүнө чалдыккандан коркуп жолго чыкты. Өткөн машинага кол көтөрүп, сербеңдеген караанды көргөн бир жеңил машина токтоп калды. Ал шаарга кетип жаткан Нурдин болчу.

- Кайда барасың, кызым? - деди ал эшигин ача.

- Аке, кудай жалгагыр, шаарга алпарып койуңузчу?

- Отур, өзүм да шашылыш кетип жаттым эле…

Саамай арткы отургучка отуруп эшикти жапты.

- Мынча эмнеге кеч чыктың?

- Ушундай болуп калды аке, тажадым ушул жашоодон.

- Кой антпе, жаш экенсиң, ата-энең шаарда турабы? - деп караганда Саамайдын жүрөгү зырп этип сайгылашып кетти: "Эмнеге баары эле ата-энемди сурашат, менде ата-эне болсо ушинтип жүрмөк белем" деп ойлоп:

- Ата-энем жок… - деди жер карап.

- Кечирип кой кызым, катуу тийди окшойт, ээ?

- Эчтеке эмес аке, эптеп мени шаарга алып барып койсоңуз мендей бечаранын сообу тийээр…

- Кызык, жаш туруп ушунча муңдуусуң, канчадасың?

- Жыйырма экидемин.

- Оо кокуй десе, сенин курагыңдагы кыздар ойноп-күлүп жүрүшөт го, күйөөң жаманбы?

- Жок…

- Анда эмнеге?

- Жөн эле, ата-энеси жок жетим кайда болсо кор экен.

- Андай дебе, балаң бар экен, күйөөң жакшы болсо башкасы эчтеке эмес.

- Менин тагдырым тайкы экен, ата-энемдин ким экенин да билбейм, өлүүбү же тирүүбү анысы белгисиз. - Саамай бир көргөн адамына сырын айтканга уялып кетти.

- Кой анчалык кейибе, жашсың, азыр баары өз нугуна түшүп, бир кезде ушунун баарын унутасың.

- Мм…

- Түн бакырдыкы, жалгыз кетип жатканда эрмек болуп жакшы болбодубу, менин үйбүлөм шаарда, бүгүн үйгө жатып алып эртең барчу жагыңа кете берсең болот.

Саамай унчукпады, жолду карап мелтиреп чукуранып ойгонгон баласын эмизип койуп кете берди. "Мени издеп жатышабы, же биле элек болду бекен, Валя эненин үйүн Гүлжигитке көрсөтпөгөнүм жакшы болгон экен, эми ал бар болду бекен, болбосо балам менен кайда барам, колумда тыйыным да жок", - деп убайым тартып отуруп көзү илинип кетти. Нурдин эки көзүн жолдон албай келатып, көз кыйыгын Саамайга жиберип: "Бечара, ата-энеси болбосо, шаарга кандай күн көрөт, колунда баласы турса кандай болоор экен? Кой, буга жардам берейин" деп ойлоп:

- Кандай жумушка иштей аласың? - деди.

- Баарына…

- Эң сонун, бир фабрикада таанышым бар, жолугуп кеңешип сени жумушка киргизип койойун, балаңды кантээр экенсиң?

- Билбейм. - Саал ойлонуп туруп эстей калды. - Валя апа бар, ал мени жакшы көрөт, эгер жумуш болсо иштесем карап турат… - Саамай муну айтканы менен: "Валя апа бар болсо го жакшы, эгер ал өлүп калсачы. Анда кайда барам" деп ичинен ойлогондо жүрөгү зырп этип алды.

- Эмнени ойлонуп калдың?

- Ойлонгон деле жокмун.

Саамай ушинткен менен калп айтканы сезилип өзүнчө бушайман болгонун Нурдин байкады.

- Мейли кызым, айтпасаң айтпа, мен сага колумдан келген жардамымды аябайын, менин аялым жакшы адам, жүрөгү оорукчан, жылына курортторго алып барып турам. - Саамай унчукпады, үн дебей кете берди, наристе бейкапар уктап жатты.

Таңга маал шаарга жетип келишти, бийик кабаттуу үйлөрдүн жанына келип токтогондо Нурдин өзү түшө калып Саамайды түшүрдү да:

- Мына келип да калдык, үйгө кирип бир аз эс ал, - деди.

Саамай үн дебей үйүнө анын артынан кирип келди.

Эшикти ачкан аялы Тоту селдейе калды: "Ээ кудай, бул эмне деген табышмагың, бул деги менин Саамайым эмеспи" деп ойлоп, он тогуз жыл мурун сереңдеп колунан жетелеп жүргөн кызын көз алдына келтирип алды: "Жок-жок, болушу мүмкүн эмес, өмүр бойу ал кызды унутам деген менен унуталбай жандүйнөмдү жеп, жүрөгүмдү оорутуп келген кыз маңдайымда турабы же жөн эле окшоштукпу?" деп козголбой теңселе туруп калган аялына Нурдин ичкериден унчукту.

- Тоту, киргизбейсиңби конок кызды, эмнеге туруп калдың?

- Аа-а, азыр-азыр, кир кире гой кызым, балаңды жаткырып ашканага кирип чай-пай ичип ал, - деп бери боло берди.

Саамай бул аялды көрбөгөн болсо да жүрөгүнөн жактырып турду, негедир бул аялды өзүнө окшоштуруп да алды. Алдастаган Тоту өзүн жаман сезип стол үстүнө тамак-ашын койуп жаткан менен ойу онго бөлүнүп, өткөн күндөрү көз алдына тартылып жатты. Чай куйуп отурган менен улам Саамайды караганда жүрөгү бир нерсени сезгендей болк этип алып качанкы өткөнүнө чабыттаган санаасы он сегиз жаш курагындагы махабатка толкуган күнүн эстеп мелтиреп калды…

***

Тоту анда мединституттун экинчи курсунда окуп жаткан. Курбусу Макмал аны өзүнүн тааныш айылдашына туулган күнүнө ээрчитип барган. Ал жерден Апиз ага бир көргөндө эле жанынан чыкпай жармашты да калды. Адегенде анын бул мүнөзү, кылыгы Тотуга жакпай жаман көрүп жатты. Кече аяктагандан кийин курбусу экөө жатаканага жөнөгөндө Апиз болбой эле аларды узатмакка бирге басты.

- Кыздар, силерди узатып койойун.

- Жок, биз өзүбүз эле кетебиз.

Тоту аны жактыра бербей жиндене алдыга басты.

- Жөн койчу Тоту, жолдо экөөбүзгө караан болот, антпесе караңгыда коркобуз, - Макмал каршы эместигин билдирди.

- Бу чоң кыз жигитинен коркуп жаткан окшойт, көрүп калабы деп, - Апиз караңгыда жылмайганы байкалбаса да ууртунан жылмайып алды.

Негизи кыз каадасын кылып назданган кыз ага жагып турган. Апиздин үйбүлөсү, эки баласы бар эле, аялы менен таарынышып жүргөндө аны досу туулган күнгө чакырып калган. Апиздин аялы өкмөттүк кызматтагы адамдын кызы болчу, Апиз аргасыз өзүнүн максаты үчүн гана Гүлбүгө үйлөнгөн эле. Ал андан ажырай алмак эмес, эгер ажырашуу жөнүндө сөз козголсо аны кызматынан, үйбүлөсүнөн, жашап жаткан үйүнөн да айрылып калуу коркунучу ар дайым күтүп турчу. Ошондуктан өз эрки менен кыз сүйүүгө анын жолу тосулуу болчу. Ушул ирээт баарына кол шилтеп эки уулун, аялын көргүсү келбей эркин жашагысы келип кетти, байлоодогу малга окшоп өз алдынча жашоого кете албаган маңкурттуктан чыгып кайдадыр басып кеткиси келип турду.

- Эч кимден коркпойм! - Тоту орой жооп бергенде ойго чөмүлүп кеткен Апиз чоочуй карады. - "Эркекке ишенгиче эки босогоңо ишен" дегендей, азырынча жигит-мигити жок эле окуп жүрөбүз жигитче!

- Оо, акылдуу кыз экенсиңер, - Апиз күлө карады. - Бирок кыздар бирден эмес, экиден жигит күтөт имиш го, бирин жактырбаса бирине өтүп…

- Болсо болгондур. Биз андайлардан эмеспиз, сөзүңүздү байкап сүйлөңүз!

- Койгула эми, тим койсом экөөңөр чеке жарышканга чейин барасыңар го, биз жетип калдык. Макмал алардын алдына өтүп, экөөнү карап аркасын көздөй жылып баратып каткыра сүйлөп жатты. - "Эр чекишпей бекишпейт" дечү беле, балким экөөңөр абдан ысык болуп кетээрсиңер?

- Кайдагыны сүйлөбөй акырын, вахтаны эптеп ачтырыш керек. - Тоту курбусуна токтоо карап сүйлөдү. - Биздин келгенибизди көрсө ачаар бекен?

- Неге ачпайт, тетя Нина менен мен жакшымын азыр.

Макмал вахтаны көздөй басканда ээндей калгандан пайдаланып Апиз Тотуга карады:

- Тоту, чын эле жигитиң жокпу?

- Болгон болбогону сизге ошончо эле таңсыкпы?

- Билгим келет Тоту, билгим келет. - Апиз анын теке маңдайына келип ээгинен өйдө кылып жүзүнө тигилди. - Сендей сулуунун жүрөгүн ээлеген бактылуу жигиттин атын уккум келет!

- Азырынча андай жигит жок, менимче андай жигит болушун каалабайм! - деп ары караганда Макмал келатыптыр.

- Бол Тоту, тезирээк кирип кетели.

- Көрүшкөнчө кыздар! - Апиз Макмалды көздөй Тотунун жөнөгөнүн карап аларга кыйкырды. - Көрүшкөнчө, келип турам, түнүңөр бейпил болсун!

- Рахмат, өзүңүздүн дагы!

акмал ага колун булгалап койуп жүгүрүп кетти.

Ошондон баштап Апиз Тотунун жашоосунда пайда болду да калды. Бара-бара аны күтүп, кечигип калса жол карап калчу болду. Ортолорунда эбегейсиз чоң сүйүү башталып, аягы өкүнүч менен бүтөөрүн сезишкен жок. Төркүнүнө кеткен аялынын артынан барбаганга Гүлбүнүн жини келип, эки баласын алып өзү келди. Анын келип калганы Апиздин жинин келтирди:

- Гүлбү, сен эмнеге келдиң, ушинтип жашагыча ажырашып алганыбыз эле дурус эмеспи?

- Эмне-е, сен мени менен ажырашмакчысыңбы, менден оңой кутулам деп жүрөсүңбү? - Гүлбү бакырып ийгенде эки баласы коркуп ыйлап жиберди. - Ушул балдарды, мени кыйнап кете бергиң келип жатабы?

Гүлбүбү телефонго жетти, Апиз балдарын сооротуп кирди:

- Уулум ыйлаба, коркпогула садагаларым, апаң мени үйдөн чыгарып салгысы келип жатат, - деп Гүлбүгө карады. - Экөөңөрдү тең алып кетем ээ?

- Эмне дейсиң, сен балдарга ээ болуп калдыңбы? - Гүлбү телефонго сүйлөп кирди. - Ата, келип кет, мени Апиз таштап кеткени жатат! Ооба, анын мени менен жашагысы келбейт экен, балдарды алып кетет имиш, ооба ата, тез кел! - деп тутканы койду да атасына коргологон эки баласын булкулдата тартып алды:

- Болду эми, жүрөгүн түшүрөсүң!

- Түшпөйт этпейт! - Гүлбү ыйлап жатты. - Сенин башыңды айланткан ким экенин билсем аны көрсөтөм, азыр атам келсе, шашпагыла.

- Гүлбү, болоор-болбоско атаңды убара кылбай тим койсоң болмок, мен сага кызмат үчүн, атаңдын кадыры үчүн үйлөнгөм, билсең. Ойлонуп көрсөм ортобузда сүйүү сезими болбоптур, сен деле мени сүйбөйсүң, чынбы?

- Аны атам келгенде билесиң!

- Атаң экөөбүздүн арабызга кийлигишпей эле койгону жакшы, жашоо экөөбүздүкү да?

- Аралашат, сен атама жооп бересиң, мени сүйгөн сүйбөгөнүң жөнүндө…

Ушул убакта Кайрат Адылович кирип келди. Жогорку кызматта иштесе да кызынын чакыруусуна келбей коймок эмес, анткени анын аялы өлүп калып кызын жалгыз чоңойткон, жанынан артык көргөн кызынын тагдыры аны күндүр-түндүр ойлонтуп анын бактылуу болушу үчүн баарына даяр эле:

- Эмне болду силерге? - Кайрат Адылович кыз-күйөөсүн алмак-салмак карады.

- Эчтеке деле болгон жок, Гүлбү эле… - Апиз башын кашылай жер карап туруп калды.

- "Эчтеке болгон жок" дебей айтпайсыңбы эмеле мага айтканыңды? - Гүлбү күйөөсүнө көзүн чакчайта карап тике маңдайына келди.

Аны Кайрат Адылович тыйды да Апизди карады.

- Кана сен сүйлөчү, Гүлбүнүн айткандары чынбы?

- Ата…

- Чындыкты гана айт!

- Туура, мен дагы адаммын, өз каалагандай жашашым керек, качан болсо Гүлбүнүн айтканы менен болуп чарчап кеттим. Эркин жашагым келет.

- Мурда өзүңдү адам эмес макулук деп сезчү белең, көзүң көр, кулагың керең, тилиң жок беле?! - Кайрат Адылович аны айлана басты. - Айтчы эки бала менен аялыңды таштап басып кетүү оңой деп ойлодуңбу?

- Жок…

- Анан эмне болду?

- Эч нерсе…

- Көзүңдү ачып жүр бала, ушул кызымдын көз жашын көрбөйүн, эгер дагы ушундай болсо таарынба, бул өлкөдө жашашың кыйын болот!

Кайрат Адылович тез-тез чыгып кетти.

Апиз үн дебей кала берди: "Акыры кетем, эмне кыла алат, балдарымды кор кылбай багып алышат, чоңойгондо өздөрү табат, мен Гүлбүдөн ажырашам да Тотуга үйлөнөм" деп ойлоп кыз кылыгынын кызыгына батып ага үйбүлөсү жөнүндө билгизбей: "Убагында билип алат" деген ойдо болду.

- Эмнеге келбей кеттиң, мен сени күтө берип жинди болуп кете жаздадым, - деди Тоту кечигип келген Апизди карап.

- Жаным, мени кечирип койчу, айылдан апам ооруп келген, аны врачтан врачка көрсөтүп жүрүп колум бошобой жатты.

Апиз калп айтып кызды бооруна кысты: "Эгер менин жылаандай муздак, ажаандыгы кабанак иттей аялым, айыпсыз балдарым бар экенин билсең кантээр экенсиң байкушум, андан көрө менден кете алгыс кылып койушум керек" деген ойдо ошол кечте кызды мейманканага алып барды, экөө аздап вино ичип отуруп анан жатууга киришти. Өзүнө чоочулай караган кызды имере кучактаган Апиз:

- Баары жакшы болот алтыным, апам сакайып чыкса айылга алып кетем, бир аз гана убакыт керек, - деди жүзүнөн өөп.

- Апиз, мен сени жоготуп алуудан аябай корком, келбей калсаң жол карай берип көзүм талычу болду. Мындан кийин күттүрбөчү ээ?

- Эч качан, эч качан күттүрбөйм жаным.

Керебет диванга аны коомай кучактап жатып экөө өбүшүп кирди, мындай өбүшүү кыздын бүткөн бойун дирилдетип башкача сезимге кабылтты…

Ошентип эмне болуп кеткенин сезбей да калышты…

Апиздин жаны жай ала түштү: "Эми Тоту меники, эч жакка кетпейт, мен бактылуу болом, Тоту экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз, демек эч ким ажырата албайт" деп жатты ичинен. Бирок алардын сүйүүсү түбөлүк болгон менен тагдыр экөөнү бири-бирине кошпосун сезген жок.

Апиз Гүлбүнү көргүсү да жок, эки күндүн биринде үйгө келбейт, келсе да балдарына гана көңүл буруп аялы менен иши да болбоду. Гүлбүнүн ага жини келип:

- Сен мени ушинтип жеңем деп жүрөсүңбү? Кызматка тургузуп, заңгыраган үй берип койсо сен көптүң! - деди бир күнү.

- Мага атаң экөөңөрдүн берген үйүңөрдүн да, кызматтын да кереги жок, мага эркиндик керек, качанкыга силердин айтканыңар менен жашамак элем?

- Сен эркин болбогондо түрмөдө жүрдүң беле?

- Түрмөдөн да жаман, билсең. Көрөт элем сени, көз каранды болуп жашасаң. Күч күйөө болуп жашагандын эмнеси жакшы?

- Мен билбептирмин, сенин минтип ойлогонуңду, көрсө ичиңде арамың бар тура…

- Арам ой эмес, чындыкты айтып жатам, тажадым күч күйөө болуп жашоодон!

Апиз колун шилтеп чыгып кетти. Ошол бойдон үйүнө кайрылып барбады, жумушуна барып кайра атайын даярдап койгон батиринде Тоту менен жашап калды.

Арадан үч ай өткөндө бойунда бар экенин билген Тоту:

- Апиз, менин бойумда бар экен, эгер ата-энем билсе мени өлтүрөт, качан үйүңө алып кетесиң? - деди түндө койнунда жатып.

- Жакшы болуптур алтыным, жакында алып кетем, күтө тур, - Апиз өзүнүн кыжаалат болгонун билгизбей кучактап өөп жатты. - Сен мага кыз төрөп бересиң, экөөбүз жакшы бактылуу болобуз.

- А сен кызды жакшы көрөсүңбү?

Тоту анын көкүрөгүнө башын койгон бойдон сурады.

- Ананчы, мен кыздарды абдан жакшы көрөм.

- А мен уулдуу болгум келет, анткени биз сегиз кыз анан бир уул бир тууганыбыз бар.

- Ошондой дечи, бизде баары эркек, кыз жок, апам эмкиси кыз болот деп жылыга эле эркек төрөп койчу экен.

- Адамдар кызык ээ, эркек балдары турса кызды, кыздары көп болсо эркек баланы самашат…

- Ошон үчүн пендебиз, жаным.

Экөө үнсүз кучакташып жатып калды. Тотунун ойунда эч нерсе жок, өз сүйгөнүнүн колтугунда ага чоң ишеним артып бактылуу жатканда Апиз эмне кылаарын билбей жандүйнөсүндө бороондуу аяз улуп, ээн талаада кайыгып калган койондой бүрүшүп, жүрөгү зырп-зырп эте эртеңки жашоосунан кабатыр болуп уйкусу качып, колтугунда капарсыз уктап жаткан Тотуну улам кысып койуп жата берди.

Эртеси жумушуна келсе ордунда башка бирөө отурган экен. Ал унчукпай директоруна кирсе, ал анын кызматынан алынганын айтты. Апиз эч нерсе дебей чыгып кетип өзү тааныган мекемелерге барса баары бир ооздон жумуш жоктугун айтып ага сыртын салып койушту. "Демек кайната сөрөй дайындаган экен, айылга Тотуну алып кетем да колхозчу болуп тынч жашайм" деп Апиз батирине келди. Көңүлү кирдеп Тоту келгенче алаксыгысы келип тамак жасады. Түштөн кийин сабактан келген Тоту:

- Ой сен келип калдыңбы, жумуштан эрте чыктың беле? - деп Апиздин мойнуна асыла кетти.

- Жумуштан чыгып айылга кетсемби деп ойлоп жатам Тоту, шаардан көрө айыл дурус го дейм?

- Мен окуумду бүткөнчө шаарда иштеп турсаң болмок…

- Сен баары бир окуй албайсың, экөөбүз тең айылга кетебиз!

- Эмнеге окуй албайм Апиз, мына төртүнчү курска келип калдым, эмгегимди талаага кетирмек белем?

- Ойлонсоң, Тоту, сени такыр окуба деп атканым жок, академический аласың го, анткени бойуңда бар…

- Чын эле… - Тоту эми гана түшүнгөндөй отуруп калды. - Мейли Апиз, төртүнчү курсту бүтөөрүм менен академический алайын. Ага чейин күйөөгө тийбей туруп бойумда бар экеним билинип калса канттим? Эгер таанышың болсо сүйлөшүп, өзүң эле азыртан котортуп койбойсуңбу?

Тоту Апизге үмүттөнө ишенимдүү карады.

- Кантип? - Апиз ыргып кетти. - Мен эч кимге баралбайм, Тоту, кыйнай көрбө!

Ал алдастап кетти.

- Эмне мынча чоочуп кеттиң? Мейли, барбасаң барба, өзүм эле кирем да, айылдагы ата-энемди шылтоо кылып арыз жазам.

- Чоочуган деле жокмун, Тоту, мени түшүнчү, баары тааныйт мени…

Башын чулгуй ордунан туруп ары-бери басып кирди, эмне кылаарын билбей жатты.

Тоту: "Бул эмнеге минтип жатат, балким мага үйлөнгүсү келбей жаткандыр" деген жаман ойду ойлоп үнсүз ыйлап кирди, анын ыйлаганын көрүп ого бетер алдастай түшкөн Апиз:

- Койчу жаным, кабатыр болбой бир аз чыдачы, айылга алып кетем, көрөсүң го, ата-энем сени кандай күтүп алышканын, - деп жанына отуруп ийнине колун койду. - Асылым менин, көпөлөгүм десе, тим эле кичинекей кыздай таарынчааксың ээ?

- Сен мени түшүнбөй жатпайсыңбы?

- Түшүнөм, сен мени түшүнгөн жоксуң. - Экөө көпкө отуруп анан Апиз аны алаксытмакка өзү жасаган тамагын ортого койду. - Кана, өзүм жасаган тамактан ооз тийип көрчү, кандай жасаптырмын?

- Ай-ий, сен тим эле ашпозчудай жасайт экенсиң! - Тоту ууртап көрүп эмеле бүркөлүп турган кабагын жадырата карады. - Сен мурда тамак жасап жүрдүң беле?

- Ананчы, а… - деп келатып токтоп калды. Ал аялы жокто жасап жүргөнүн айтып ийе жаздап сөзүн башкага бурду. - Ар дайым өзүм жасачумун, өзүм үчүн.

- Абдан жакшы, менин жигитим тамакты жакшы-ы жасап, балам экөөбүздү багат экен да-а!

- Туп-па туура, балам экөөңөрдү эч кыйнабай багам деп убада берем…

***

Ушул жерге келгенде Тотуну Нурдиндин үнү бузуп жиберди:

- Тоту, ээ Тоту, отурган жериңде уктап калган жоксуңбу?

- Аа-а, жо-ок…

- Саамайга төшөк салып жаткырып кой, эс алып алсын.

"Саамай дейби?! Ырас эле менин секелегим Саамай бекен ушул? Ай кудай ай, бул эмне деген азабың эле?" деп Тоту Саамайды тиктеген бойдон эки колун ушалап туруп калганда, Саамай:

- Төшөк салбай эле койуңуз, жөн эле жатып алам, каерге жатаарымды көрсөтүп койсоңуз болду, - деди тартына.

- Ошо кантип болсун, төшөк салып жай эле жатып эс ал. Эй Тоту, сага эмне болду, деги ооруп калган жоксуңбу?

- Азыр… - Тоту ички бөлмөсүнө кирип төшөк салды да, - Жата кой, - деди.

Бирок дале Саамайдан көзүн албай карап көпкө турду да, өз бөлмөсүн көздөй басып баратып: "Ушуну көргөзөөр бекен деп кудайдан канча ирээт суранып жүрдүм эле го, эми кантем? Нурдин укса эмне дээр экен? Жок-жок ал билбесин" деп ойлоп ордуна жата кетти.

- Бечара, түндө баласы менен качып чыккан экен, салып келдим, эч кимиси жок экен, - деди Нурдин аялы жанына келип жаткандан кийин.

- Ыя?! - Тоту чоочуп кетти. - Эч кимиси жок экен дейсиңби?

- Ооба, эч кимиси жок экен, мындай бечарага жардам берип койушубуз керек.

- Ийи-и.

- Эртең фабрикага сүйлөшүп көрөйүн. Иштеп алса кор болбойт.

- Мейли.

- Баласын ким карайт, же бараар жери да жок экен…

- Кайдан билдим, - Тоту күйөөсүнүн сөзүн уккусу келбей ары бурулду. - Тагдырынан көрсүн!

Нурдин аялынын сөзүнөн кийин үндөбөй калды. Тоту андан кийин эмне болгонун эстөөгө көзүн жумду…

***

Дал ошол түнү экөө уктап жатканда эшик такылдап калды. Эч нерседен капарсыз Тоту акырын туруп эшикти ачса эки эркек менен бир келин туруптур. Бул Гүлбү менен келгендер болчу.

- Сиздерге… - деп келатканда:

- Ушул сойкунун айынан күйөөм үйгө түнөбөй калды, кирип Апизди алып чыккыла, - деди Гүлбү.

- Эже, эмне деп жатасыз? - Тоту эчтекеге түшүнбөй аларды жалдырай караганда Гүлбү аны түртүп ийип кирип кетти.

- Бул менин эрим, эки балабыз бар, сага азгырылып үйгө түнөбөй жумушунан да чыкты! - дегенде Тоту:

- Жалга-ан, кантип эле Апиз мени алдасын, эжекебай, канти-п? - деп турган жеринде чөк түшө калып ыйлап жатты.

Эки киши кирип эле Апизди төшөктөн тургузуп кийингенге күтүп алдына салып кетип жатканда Апиз ыйлап жаткан Тотуну кылчая карап:

- Кечирип кой Тоту, мен ушулардан качтым эле, сени билбесин дегем. Баары бир келем, үмүтүңдү үзбөй тур, сөзсүз келем! - деди да жөнөп кетти.

Артында бараткан Гүлбү:

- Ал бир байкуш, ошого алданган акмак кыз экенсиң, эми анын караанын да көрбөйсүң, керек болсо турган жериңерден жок кылып жиберем! Аны кызматынан алдырган менмин, анын тагдыры менин колумда! - деп чыгып баратканда, Тоту:

- Эжеке, мен мындайды билген эмесмин. Эгер билсем ушуга барат белем? Менин бойумда бар, ал менин баламдын атасы! - деди кайраттана.

- Эмне-е, сенин балаңдын атасыбы, кайсы балаңдын? Билсең, анын колунан эчтеке келбейт, менин атамдын арты менен адам болуп жүргөнүнө кубанбай көөп кетти! - деп Гүлбү Тотуну жаакка бир чаап чыгып кетти.

Гүлбү эртеси таң эрте келип Тотуну батирден чыгарып койду.

Апизден кабар болбоду, Тоту ошол күнү издеп жүрүп өзүнө ылайык батир таап жашап калды. Аңгыча экзаменге жакындаганда арыз жазып ооруп жаткандыгына байланыштуу айылга кетмек болгонун билдирди, бирок батирде жашаганга акысын төлөөгө күнүмдүк ичээрине эчтеке таппай: "Ичим билингенче атамдарга барып акча алып келип алайын" деп ойлоп, ата-энесине барды. Атасы аны кубана тосуп алып окуусун сурамжылап жатты.

- Ата, мен кайра эле кетем, өзүңөр кабар албадыңар, тамак-аштан кыйналып кеттим, - деди эле, Апсамат эрте туруп ишенимдүү адамдан акча карыз сурап келип берди.

- Өзүңө сак бол кызым, кыйналсаң өзүбүз барып турабыз, - деди атасы.

- Бирөөдөн берип ийсек деле берет да, өзүң убара болбо кызым, окууңду бүтүп алсаң үзүрүн көрөсүң, жакшы жүр! - деп Айымбача Тотуну кучактай берип жүрөгү болк этип алды: "Ботом, бу кыз соо эмес, бир сыр бар" деп ойлоп үнсүз узатып баратып, - Тоту сен соо эмессиң, "оорууну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" деген, мен энеңмин, ачыгыңды айтчы? - деди эле, Тоту апасына бойун таштап буркурап ыйлап жиберди:

- Апа, апакебай, мени кечир, мен жаңылып калды-ым!

- Эмне дейт? - Айымбача кызын өзүнөн оолактата түртүп ийди. - Бейбак, бүтүн уруубузга көө жаап шерменде болгонсуң го, эми кантебиз?

- Билбейм апа, өлгүм келип өлө албай жанымдан кечүүгө даабай турам, акылыңды айтчы, апакебай?

- Мейли. Бара бер, турган үйүңдүн дарегин жазып бер мага, бир жумадан кийин бир эбин таап барам.

Айымбача кызын узата карап кала берди: "Курган кызым ай, кандай шүмшүккө кабылып калдың экен, атаң укса экөөбүздү тең өлтүрөт, ажалынан мурун өзү да өлүп тынат го" деп үйүн көздөй кадамын жайлатып баратты.

Айткандай эле Айымбача бир жумадан кийин барып Тотунун бойунан алдырмак болду эле врачтар чоңойуп кетиптир деп болбой койушту. Тоту апасын алдап:

- Алдырмак болдум апа, сиз бара бериңиз, - деди эле, ал болбой:

- Сени эки-үч күн карайын, тыңыгандан кийин кетем, - деп койду.

Эртеси барып апасын үйгө койуп көптө келди.

- Алдырдыңбы?

- Ооба.

Кыска жооп берип жатып алды, ичин бекем таңып алды. Үч күн туруп Айымбача көңүлү тына айылга кетти Аны кетирип койуп, Тоту шаардын четиндеги айылдан батир издеп жалгыз бой кемпир менен туруп калды. Ал кыргыз кемпир болчу, баласы жогунан жалгыз жашачу. Тоту анын кир-когун кошо жууп, экөө эрмектеше чай ичип оңуп калды. Уларкан абдан жакшы аял эле, жашы алтымышка келип калса да өзүн каранып, үй ичин таза кармап, кылганы тың болчу. Жалгыздыктан тажаган Уларкан Тотуну өз кызындай көрүп калды. Айы-күнү жетип, Тоту кыз төрөдү. Апизден кабар жок, эптеп Уларкандын жардамы менен кызын багып жүрдү. Үч жыл дегенде Нурдинге жолугуп калды, аны менен сүйлөшүп жүргөндө өзү жөнүндө бир ооз гана: "Сүйбөгөн бирөө ала качып жашагым келбей баса бергенмин" деп койду. Ага турмушка чыккандан кийин Уларканды, ал багып жүргөн Саамайды эстеген менен убакыт таппады, айтууга оозу барбады…

Уларкан дайыны чыкпай кеткен Тотудан үмүтүн үзүп, Саамайды карап жүрө берди, бирок ал катуу ооруп калды. Аргасы кеткенде ал жетимканага келип жашаган үйүн, кармаган-тутканын, кассадагы бир аз акчасын Саамайдын атына жаздырып койуп анан өзү ооруканада көз жумду. Тоту эки жылдан кийин такси менен күйөөсү жокто барып таппай калды. Коңшуларынан сураса кемпирдин өлгөнүн айтты да, кызы жөнүндө эч нерсе айта алышпады. Ошол бойдон үмүтүн үзгөн эле, эми минтип маңдайында турса да умтулуп чекесинен сүйө албады. Кан жанынан-бүткөн кызын, ал тургай өзүнүн анын апасы экенин айтууга дили чыдабады: "Ушул бойдон калсын, мындай жардам берип турайын" деди өз ойунда. Түнү бойу уктабады, эрте турган Нурдин Саамайдын эрте туруп алганын көрүп:

- Ой эмне эрте турдуң кызым, мен сени бир жерге жайгаштырып койбосом балаң менен кайда барасың? - деди.

- Өзүм эптеп караштырам го, сизге рахмат, түндө калтырбай минтип үйүңүзгө калкаладыңыз, башка бирөө болсо билбейм…

- Биз адам болгондон кийин бири-бирибизге карашпасак болобу, жаманбы-жакшыбы бир жерге барабыз, бизди сен жамансың, сен жакшысың же байсың кедейсиң деп ылгабайт, кудай алдында жараткан пенделердин баары бирдей.

Нурдин сүйлөп жатканда Тоту туруп жуунуп келди да столго тамак-ашын койду:

- Кел келе гой, чай ичип ал, балаңдын карды ачты го, тамак берчи.

- Балам тамак деле ичпейт.

Саамай тартына отуруп калды. Анын ар бир кыймылы, тартынчаактыгы Тотунун жүрөгүнө найза сайган өңдүү тыз-тыз эттирип ойу онго, санаасы санга бөлүнүп жатты. Нурдин жумушка кеткенден кийин Тоту өзүн колго алды да жанына келип Закирди колуна алып бетинен өөп:

- Атаңар кайда? - деди араң зорго.

- Атасы калды эже, биротоло калды…

- Эмнеге, урушуп кеттиңерби?

- Ооба, урушуп кеттик, - Саамай жер карап жооп берди.

- Жаман болуптур, сүйлөшкөн белеңер?

- Кайненем эле жаман, "ата-теги жок" деп асыла бергенинен көңүлүм калды эже, - Саамай ыйлап ийди. - Үч жыл зорго чыдадым…

- Ошондой де…

Тотунун жүрөгү канап кетти: "Алда кудай ай, ушуну уккуча жолукпай калсам эмне, кантип чыдап отурам, көрүп билип туруп, кандай күндө калаар экемин, ушунча жыл санаамдан чыкпай күйүткө салган кызымдын кайгысын өз көзүм менен көрүп туруп тирүүлөй куурайм го?" деп ордунан туруп теңселе сыртка чыкты. Эшиктен көпкө чейин алаксып жүрүп, анан кайра кирсе Саамай баласын көтөрүп чыгып бараткан экен.

- Кайда жөнөдүң?

- Мен жатакана издеп келейин, эгер тапсам келип кетем.

- Кой, Нурдин келгиче тура тур, - Тоту анын колунан баласын ала койуп өзүн колтуктап алды. - Жумуш табылганча биерде тура бер, балаңды биздин балдар жакшы көрүп көтөрүп жүрө берет, кичинекей баланы жакшы көрүшөт, - деп үйгө кирип баратып сүйлөп жатты. Саамай унчукпай ээрчий кирип туруп калды. - Мен да үйдө жалгыз иштебей отурам, кел отура гой!

- Рахмат эже, мындай сыйга эмне дээримди билбей турам, эс тартканы балдар үйүндө өсүп, чекемен сылаган адам көзүмдөн өтүп жалооруп калчу элем.

Саамай тамагы буула мукактана отуруп калганда Тотунун колундагы бала ыргып кете жаздады:

- Балдар үйүндө чоңойдуң беле? - Көздөрү аны жалдырай карап көз чанактары жашка толуп турду. - Ким таштаптыр?

- Билбейм…

- Балдар үйүндө сени таштаган адамдын аты-жөнү бардыр?

- Аны кызыгып деле сураган эмесмин, ойума деле келбептир.

- Ии-ий, - деп койду Тоту. Закирди көтөргөн бойдон ашканага кирип суу ууртады: "Алда кудай ай, эми эмне кылам? Айна менен Эдил турса Саамайды кетирбей тургула дейин да балдар үйүнө барып келейин" деп тамак жасамак болуп алаксымакка Саамайды чакырды: - Саамай, келчи айланайын, кел балаңды алып тур, мен тамак жасайын.

- Мен жасайын эже, көрсөтүп эле берсеңиз.

Саамай ийиле калып айтканда ал ага мээримдүү жылмайды.

- Жөн эле кой кызым, азыр коноксуң сен. Өзүм эле жасайм.

Саамайга баланы берип өзү муздаткычтан эт алып туурай баштады, аңгыча Айна ойгонуп туруп келип Саамайды көрө:

- Саламатсызбы? - деп койду.

- Ии-ий, турдуңбу кызым, уйку кандыбы? - деп Тоту кызына карады. - Эдилди тур десең боло, ушунча да уктайсыңарбы?

- Ал уктап жатат, өзү ойгонот да, - деп Айна ажатканага кирип кетти.

Саамай аны көрүп ичи жылып: "Тартиптүү кыз экен" деп ойлоп алды. Андан кийин баласын уктатып койуп Саамай Тотуга жардам бермек болгондо ал болбоду:

- Отура бер садага, өзүңдү карап, душка жуунуп алчы балаң уктап жатканда, ойгонсо аны Айна көтөрүп турат.

- Макул.

Саамай кубанып кетти, ушуга чейин бирөөдөн да мындай жылуу мамиле көрбөгөнгө толкундана жүрөгү кабынан чыкчудай лакылдап, сүйүнүчүнөн көзүнө жаш кылгырды: "Кандай жакшы адамдар, бейтааныш туруп, өз жакынындай мамиле кылганын, канткенде, актаар экемин" деп ойлоп жуунуп сергип чыкты, кийимин алмаштырганга эч нерсеси жок кайра ошол бойдон чыкканда Тоту бир карап алды да төркү бөлмөсүнө кирип колуна жаңы халат алып чыкты.

- Муну кийип көрчү, жаңы алсам кичине келип калганынан койуп койдум эле.

- Тим эле койуңузчу эже, кийимдеримди алганга үлгүрбөй калдым.

Саамай тарткынчыктай калды.

- Кой кийип ал, муну Нурдин көргөн деле эмес, тартынбай эле кой. Тоту Саамайдын колуна карматты. Эч нерсе болбойт, бул үйдө өз үйүңдөй жүрө бер, кетем деп ойлобо, мен өзүм карайм балаңды.

- Рахмат эже, мындай мамилени адам баласынан күтпөй калган элем, сиздердин мага жасаган мамилеңерден улам белгисиз таштап кеткен ата-энем табылгандай болуп кубанып турам, - дегенде Тотунун жүрөгү зырп этип алды: "Бул эмне деп турат кокуй, билип тургандай жүрөгүмдү эзип жиберди го?" деп теңселе жүрөк тушуна колун басып туруп калды.

- Садагам ай!!!

- Эмне болду эжеке?

- Апа, жүрөгүң ооруп атабы, дары берейинби? - Айна чебелектеп жанына келди.

- Алып келчи, кармаганы турат окшойт…

- Отуруңуз, сизди жүрөгүнөн ооруйт деп Нурдин аке айткан болчу. Жүрүңүз, - деп Саамай аны колтуктай диванга алып келип отургузду.

Айна дары алып келип бере койду:

- Ичип алчы апа.

- Ичип алайын да, жатып эс алайынчы кызым, сен тамакты кара.

- Макул.

Айна илбериңки турду. Саамай уулунун үнү чыкканынан баласына чыкты: "Оо жараткан, кенедейинен азапты көп тартып адамдардан көңүлү калганын карачы, тирүү туруп неге жашырдым экен. Ачык айтып эле өзүм менен кошо алып алсам эмне, Нурдин андай жаман адам эмес, түшүнмөк… " деп ойлонуп жатты Тоту.

Эдил туруп апасынын жанына келип бетинен өөп:

- Апа, ооруп калдыңызбы? - деди отуруп жатып.

- Ооба уулум, ооруп калдым, эчтеке эмес, жакшы болуп калдым.

- Жакшы болуп эле кетиңизчи апа, сиз ооруп калсаңыз бизге эле жаман.

- Садага болойунум десе, жакшы элемин, атаң түштөнүүгө келгиче үйдү жайганга Айнага жардам бере койчу.

- Макул апа.

Эдил кирип келаткан Саамайды көрө:

- Саламатсызбы? - деп учурашып ордунан турду. "Курган жаным ай, ушулардын ортосу сөөм туруп бири-бирин билбей калабы? Аргам канча, ушунча жашырдым, биротоло чыдап айтпай эле жардам берейин, баласын өз баласындай карайын, эми кеч, мен сени таштап кеткем дегенде жакшы көрмөк беле, анда жоготуп алам" деп оор улутунуп алды. Саамай жанына отуруп Закирди койо берди:

- Ойночу балам, бир аз отурайын.

- Ошент кагылайын, ойночу тигиндей, - Тоту жылмая Закирди карап койду, - чоочуркап жатат окшойт.

- Ошентип жатат окшойт, эшиктен кирчү эмес эле, - Саамай күлүп койду. - Эмитен шок.

- Мейли, бала болгондон кийин шок болот да, садага кетейин десе… - Тоту өзүнчө кудуңдай Закирди карап койду. - Балаң жылдыздуу экен, аман эле болсун… - Тоту телмире Саамайды карап калды, - Саамай, күйөөң жакшы балабы?

- Ооба эжеке, жакшы эле болчу, ичип кетти, кайнагам шаарга алып келип дарылатып да көрдү, болбой эле ичип туруп алды…

- Бу арак жакшыны да жолдон чыгарган балакет экен го, ичкенде кол көтөрөбү?

- Мурда урчу эмес, кийин апасына өчөшүп колу тийген күнү да болду.

- Жаман болгон экен, балаңар болгондон кийин жакшы эле жашап кетмек экенсиңер да. Каап, кайненең түшүнүгү жок аял окшойт, - Тоту кабатырлана ойлуу аны карап колунан кармап, - мейли кызым, мындан кийинкисин кудай оңдосун, капа болбо… - деди.

Саамай алардын бүлөсүнүн бири катары алар менен жашап калды. Тоту болсо аны эч жакка чыгаргысы жок, баласына ойунчуктарды толтуруп алып келип берген. Балдар үйүнө барып Саамайдын делосун каратып чыкты. Уларкан ага кассага салган акчасы менен үйүн мураска калтырып кетиптир, ал кагаздарды көтөрүп алып үйүнө келген менен Саамайга айта албады. Уларкан кат жазып калтырыптыр: "Мен, Үтүрова Уларкан, он миң сом акчам менен үй-жайымды Апсаматова Саамайга мураска калтырам, он сегизге чыкканда ушулардын баарын өткөрүп берип койууңарды суранам. Баса, Саамайдын өзүнүн апасы Апсаматова Тотукан, Ысык-Көлдөн болот, үйүмө ушул эне-бала ээлик кылууга акылуу" деп колун койуп койгон экен. Катты көрсөткөн жок.

Бир күнү Нурдин болуп чогуу отурганда:

- Нурдин, Саамайдын мураска калтырган акчасы, үйү бар экен, ошону почтадан териштирип көрчү, - деди.

- Далил кагаздары бар бекен?

- Бүт баары даяр экен, өз колу менен жазылган, печаттары да турат, - Тоту ага бир топ кагаздарды көрсөтүп колуна берди.

Үңүлүп карап отурган Нурдин:

- Ой-оой Саамай, куттуктайм сени, ой сен тим эле бактылуу кыз турбайсыңбы, кассадагы он миң сом ушунча жылдан бери көбөйүп бир топ болуп калгандыр! - деп колун сунганда Саамай эмне дээрин билбей:

- Мурас дейсизби? Ким… ким таштаптыр?

- Сени баккан апаң таштаптыр, кызым. Кой, мен эртең баарын териштирип чыгайын да, Саамайдын атына котортуп берейин.

- Баккан апамбы, өз энемдин, атамдын ким экенин жазбаптырбы?! - Саамай кубанычтуу сөз күткөндөй экөөнү жал-жал карады.

- Жок, аны жазбаптыр, болгону ушуларды тактап жазган тура. Азамат аял экен. Баса Тоту, Саамайдын фамилиясы сага окшош экен, ээ? - Нурдин аялын караганда ал жерди карап оозундагы нанга какап кетти.

- Окшош болсо болот да. Аты уйкаштар толуп атпайбы? - деп Тоту эптеп жооп тапты.

- Деги да… Окшоштуктар боло берет дечи.

Үчөө тең унчукпай калышты. Нурдин эмнегедир ойго батып: "Саамай Айнага да окшошуп кетет. Тотуга дагы, баласын жанындай көрөт. Кетиргиси жок, бул жерде бир сыр бар, балким Тотунун жаңылыштыгы болуп жүрбөсүн, болбосо эмнеге интернатка барып анын делосун териштирет? Бир нерсе бар… " деп отурганда Закир көнө түшкөнгө: "Ата, ата", - деп тизесине жармашып эркелей кетти. Аны көрүп Нурдин ала койду.

- Жакшы жигит экен да, ана-а-найын десе. Биздин Айна дагы бизди күйөө балалуу кылса неберебизди эркелетип оңуп калат элек, ээ Тоту?

- Ананчы, кызың күйөөгө чыкмак турсун үйдөн чыкпайт, ушуну он сегизге чыкты деп ким айтат, деги бирөө менен сүйлөшкүсү жок.

- Мейли, кезеги келээр, окуусун бүтүп алса анан болоор баары.

- Аман болсунчу. Күйөө балалуу да болоорбуз буйурса, андан көрө багын тилейличи.

Тоту ойлуу күрсүнүп алды. Саамай баласы менен алек, кирип чыгып аны ээрчип жүрөт. Ичинен кудайга ыраазы, жакшы адамдарга жолугуп калганына.

Эртеси Нурдин адрес бойунча почтага барып көрсө туура болуп чыкты, ал жерде дагы Саамайдын атына мураска калтыруу жөнүндө кол жазмасы бар экен. Акчасы көбөйүп сакталуу бойдон турганын айтышты. Нурдин Саамайдын атына котортуп бир-эки жумада бүтүрдү да, айылдагы үйүнө барып көрүүнү туура көрүп, Тоту экөөнү машинага салып алып жөнөштү. Саамай үйгө кире берип чачылып жатканын көрдү, эшигин ачып койуптур, үйдүн курулушу эскире баштаптыр:

- Абдан таза аял болсо керек, ээ? - деп Нурдин Тотуга карады. - Тууган-уругу болбосо керек?

- Ким билет?

Ал аны карабай жооп берди, анткени ал азыр ушул үйгө адеп келип Уларкан менен сүйлөшкөнүн, Саамайды төрөгөндөгү анын сүйүнгөнүн көз алдына келтирип жаткан. Саамай эскирген сандыктын ичиндеги чачылган буйумдарды карап жатып кичинекей сүрөт салгычты алып ачып биринчи бетиндеги саргайган сүрөттөн өзүнүн кичинекейиндегисин көрүп жанындагы узун бойлуу, сулуучумак аялды көпкө тигилип карап калды: "Ыраазымын энеке, өз каныңдан бүтпөсөм да менин кийинки бактымды ойлоп кабатыр болгонуңа, неге мен кетип жатканда айтышпады экен, болбосо кыйналбайт элем го, ыраазымын" деп солкулдай ыйлап турганда Нурдин Тотуну ымдап сыртка чакырды:

- Тим кой, бир азга бугун чыгарып алсын, эмнеси болсо да багы бар экен, ошондо он миң топтогон аял жакшы жумушта иштесе керек?

- Ошондой го?

- Азыр кассадагы акчасы он жети миң болуп калыптыр. Мындай акча азыр министрлерде гана болбосо жөн адамдар жүз, жүз элүү сом менен үйбүлөсүн багып жатпайбы?

- Ошону айтсаң.

Алар сыртта кобурашып үйдүн айланасын карап жүрдү. Саамай улам арылап сүрөттөргө кызыгып көрүп баратып орто жерине келгенде эки бүктөм кагазды көрүп аны алып ачты да окуп кирди: "Саамай. Айланайын кызым. Эгер аман-эсен бой жетип бул үйгө келе турган болсоң ушул катты окуурсуң. Мен сенин баккан апаңмын, кудай мени дагы бир аз сен үчүн жашатып койгондо сага баарын өзүм түшүндүрмөкмүн, аргам жок, кеселим оор, саналуу эле күндөр калса керек, жашоомдун бүтөөрүнө. Саамай, сенин өз апаң Тоту деген келин эле, ушул үйдөн көз жарган сени. Апаңды түшүнсө болот, жаш кезде кимдер жаңылбайт, кызым, Тоту жаңылып калган экен, сени абдан жакшы көрчү, өзүнүн апасы сени бойунан алдыр дегенде болбой койуп качып келип мени менен жашап жүргөн. Эмне болгонун билбей калдым, келбей калды, сени таштамак эмес, бир нерсе болдубу деп чоочуйм. Саамай эртеби кечпи апаңа жолуксаң аны кечир кызым, эне баланы жөн эле таштай качпайт, аргасыздык, көкөйгө тийген кордук жанына батпаса эч качан баласын эч кандай эне таштабайт. Мезгил жетип өзүң эне болгон кезде түшүнөсүң эненин сырын. Мен бир баланын айынан канча көз жашымды агыздым, бирок төрөбөдүм, бул жарыкчылыктан өкүнүч, арман менен өтүп баратам, өзүм мугалим болуп кырк жыл иштедим, жалаң балдардын арасында өттү өмүрүм. Эс алууга чыккандан кийин жалгыздыкка көнө албай кыйналып жүргөнүмдө Тоту мага караан болуп оңуп калдым эле, эми минтип айлам жок сени балдар үйүнө таштап койуп шыпты карап оорудан жабыркап, шам чырагым жалп деп өчөөр алдында сага бүт баарымды арнап олтурам, кичинекейим менин, көпөлөгүм, садагам, жарык дүйнөнү кыйсам да сенин бирөөнүн колунда ыйлап жүргөнүңдү элестетип алып жүрөгүм сыздап сени кыялбай турам. Бул үйдү башка талашаар эч ким жок, чоңойоруң менен издеп келээрсиң. Чарчадым, алым куруп оозум кургап жаным жер тартат, жок дегенде сени өз энесине тапшырсам экен деп далбастадым. Бирок таппадым. Кумга сиңип кеткендей дайынсыз, эмнеси болсо да аман болсо болду. Эмесе аман бол кызым, ыңаалаган наристенин үнүн өзүмө буйурбаса да сенин жарыкчылыкка ыңаалап түшкөнүңдү көрүп үнүңдү уктум эле, ушуга да шүгүр, кош эмесе, кызым. Ушул катты окусаң, төркү үйдүн терезесинин алдындагы койгон тактайдын түбүн шыбап койгомун, ачып көр, сенин жашооңо жетчү оокат бар. Кош айланайын секелегим, апаң Уларкан, 1972-жыл 19-май" деп кол койуп койгон экен. Сырттан кирип келе жаткан Нурдин менен Тотунун үнүн угуп катты чөнтөгүнө сала койду, алардын келатканын байкамаксан боло үй ичин кыдыра баштады.

- Саамай сен абдан жашык экенсиң. Эмдигиче ыйлап жатасыңбы? - Нурдин кирип келип анын ыйлаган көздөрүнө тигиле мурдунан чымчып койду. - Эмесе кетели үйгө, бул үйдү жакшылап жаңыртып алсаң эле болду.

- Ий-и абдан жакшы салыптыр, - деп Тоту коштоп койду.

Саамай унчукпай алар менен ээрчише сыртка чыкты.

- Ичин тазалап бир күнү экөөбүз өрттөп, анан актаталы ээ? - Тоту Саамайды карап жооп күттү.

- Ма-акул, - деп Саамай ага бурула берип, мурда көрбөгөндөй көзүнө тигилип туруп калды.

Тоту андан көзүн ала качып кетти: "Бул эмнеси, бир нерсени билип калдыбы, же жүрөк сезет дечү эле сезип калды бекен? Кудай ай деги эмне кылсам экен, же баарын төкпөй-чачпай Нурдинди балдарымды чогултуп туруп Саамайдын энеси экенимди ачык айтсамбы? Жок-жок, болбойт, дагы койо турайын" деп отуруп калды.

Үйлөрүнө келгенден кийин да Уларканды мактап отурушту, Саамай эч нерсе укпагандай өз ойу менен алек болуп сүйлөөгө кудурети жетпеди. Эгер көргөн эле күнү ушунун баарын билсе анда: "Апа-а!" деп бой таштап кучагына жыгылаары бышык эле, эми ага барбайт дагы. Мончоктой балдарды тууп алып талаага таштаган аялдарды жек көрүп турду: "Көрсө ушул күйөөсүн таап алып, мени атайын таштаган тура, мен жөнүндө ушул убакка чейин ойлоп да койгон эмес экен, көңүлү ток, балдары маңдайында турса, качанкы таштап кеткен кызын эстемек беле?" деп мостойо аны дагы тиктеди. Аны байкаган Тоту чыгып ашканага кирди: "Бу кыз бирдемени сезип калган экен, болбосо келгенден бери минтип мени карачу эмес. Оо жараткан, эмне кылам?" деп ыйлап отуруп жүрөк оорусу кармап жыгылып калды. "Дүп" дей түшкөн дабыштан улам чыга калып көрүп чуркурап ийишти, диванга көтөрүп жаткырып дары-берип эс алдырышты. Нурдин анын ыйлаганын байкады, эч нерсе деген жок: "Өзү сөз баштабаса унчукпай тим койойун, көптөн бери оорусу кармабай калды эле" деп үнсүз ордуна өтүп жатып калды. Ал күнү үчөө үч башка ойлонуп жатты. Бирок биринен да сөз чыкпады.

Эртеси таң атпай Саамай үйдөн чыгып кетти. Андан кийин турган Нурдин жумушуна кетти. Саамайдын кеткенин билген жок. Тоту балдарын бир сыйра карап: "Саамай бүгүн ушунча уктадыбы, бул убакта баласы менен ойгонуп калчу эле" деп анын жатчу бөлмөсүн караса төшөгү турат, өзү жок. Сыртка чыгып эки жактан издеди, Саамай көрүнбөгөн соң Тоту нес боло отуруп калды: "Туура кылат, эми үстүндө үйү бар. Байлыгы турат, жашап кетет, бейтааныш катары барып турам. Аман болсо болду. Башым көргө киргенче жашырып өтүүгө ант бергемин. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калганы эле дурус" деп ойлоп отура берди.

Саамай өзүнө тааныш көчөгө кирип Валя апасын издеп баратты: "Гүлжигит келсе таппай үмүтүн үзүп кеткендир, эми келбейт, Валя апа үйүндө болсо экен" деп көзгө тааныш үйдүн короосуна жете келип эшиги ачык турганын көрүп кубанып кетти. Аңгыча короого кире берип Валя үйүнөн чыгып келатканын көрүп кубанып кетти:

- Валя апа, саламатсызбы? - деди ал жетип жетпей эле.

- Ой кызым, сен ким элең? - Валя аны тааный албай сурады.

- Мен Сашенкамын, апа! - Валя аны ушинтип атачу.

- Оо кызым, келдиңби мени эстеп? - Экөө эне баладай учурашып үйгө киришти. - Балаң чоңойуп калган тура, күйөөң эки күн мурун издеп келген, акыры кетти көрүнөт.

- Эмне деди?

- Сени жакшы көрөм дейт кызым, таарынып баса берген турбайсыңбы?

- Валя апа, таарынсам мейли эле, көңүлүм калды… - Саамай улутуна жер карады.

- Чөкпө кызым, жашоо дегениң ошондой ачуусу да, татуусу да бар табышмак дүйнө, негизгиси бири-бириңди түшүнүп, кечире билишиңер керек. Ну ладно, бул күндөр өтөт кетет, -деп Валя колун шилтеп койду.

Валяга Закир эрмек болду. Үч күндөй бирге туруп, анан катта жазылган: "Терезенин түбүндөгү шыбакты ачсаң өмүрүңө жетээр оокат бар" дегенин эстеп, Валяга:

- Апа, Закирди карай туруңуз, мен бир-эки саатта келип калам, сизге эмне алып келейин? - деди күлө карап.

- Кызым, мага эчтекенин кереги жок, мага эрмек гана керек, убакыт өткөрүү кыйын, - Валя Закирди жетелеп ары басты. - Уулуң ыйлабаса эле болду.

- Ыйлабайт.

Саамай жүгүрүп автобус токтоочу жайга жетип күтүп калды, көптөн кийин автобус келип түшүп жөнөдү. Келип эле кичинекей эскирип дат баскан бычакты издеп таап чукулап кирди. Үстүнкү шыбагы түшкөндөн кийин тактайдын алдынан боштук көрүндү, акырын колун салса чүпүрөккө оролгон нерсе урунду, тартып алып караса чүпүрөк чирий баштаптыр, ичинде эки миң сом бар экен, эч нерсе болбоптур. Аны алды да үйдү бекитип кайра жолго чыкты. Жолдон дүкөнгө кайрылып тамак-аш алды да жетип келди.

- Бат эле келип калдың го, Сашенка? - Валя апа күлө карады, - тим эле учуп барып келгенсиңби?

- Ооба Валя апа, канат бүтүп кетти окшойт.

- Айла-анайын, ошондой болсун, - деген Валя Закирди жетелеп келатканда ал:

- Ап-па, ап-па! - деп Саамайды көздөй колдорун сереңдете жүгүргөндө Саамай аны жерден так көтөрүп ала койду:

- Садагам десе, Валя апа менен кандай эс алдың, апа жакшы бекен?

- Апа, апа, - Закир колу менен Валяны көрсөтө чурулдап жатты.

Эне баладай болуп кобурашып оңуп калды. Валянын кубанычын айтпа, кайра-кайра алкап:

- Ой сенин келгениң жакшы болбодубу? - деп маңдайы жарыла отуруп алып Закирди эркелетип жаны калбайт.

Саамайдын жумуш издейм дегенине көнбөй жатты. Арадан үч ай өткөндөн кийин гана жумуш издеп чыгып кароолчу болуп орношту. Күнүнө бир маал, бир мекеменин полун жууп койуп үйдө болот. Талант аны бир көрүп эле жактырып калды. Күндө ал жумуштан кетээр кезде козголбой отура берет, качан Саамай кирип келгенде кагаздарын жыйыштырып жөнөйт. Кайрылып сөз айтууга даабай кете берип жүрүп, арадан бир айдай өттү. Ошол күнү дагы жөнөп баратып:

- Саамай, колуң бошосо бир жерден чай ичпейлиби, сүйлөшчү сөз бар, - деди.

- Үйдө балам бар, убактым болбойт го?

- Канчада?

- Экиге чыгат.

- Чоңойуп калган тура, ким карап жатат азыр?

- Орус кемпир менен турам, ошол багып жатат.

- Саамай, бүгүн убакыт таап бир аз сүйлөшөлү, эртерээк бошоп чыкчы, мен сыртта күтүп турам, - деп чыгып баратканда, Саамай:

- Агай… - деген бойдон кала берди, анткени Талант анын сөзүн укмак эмес, узап кеткен эле.

Саамай ыргылжың боло полду жууп ачкычын тапшырды да сыртка чыгып эки жакты карап: "Кетип калган экен, жакшы болду, дүкөндөн сүт алып келе калайын, уулум ыйлап калбасын" деп дүкөндү көздөй жөнөгөндө бир машине жандай айдап келип токтоп калганда карай калып Талантты көрө уялып кетти. Талант эшигин ача жылмайып:

- Отур, - деди. Саамай арткы орундукка отургандан кийин рулду караган бойдон сурады. - Кана кайда барып отуралы?

- Өзүңүз билиңиз…

- Ошо кантип болсун, кана өзүң тандачы. Ашканагабы же ресторангабы, кыздын кырк чачы улуу эмеспи.

- Сиз тандаңыз, мага баары бир, азыр балама тезирээк барышым керек эле, сиздин сөзүңүздү эки кыла албадым, - деп Саамай кымырыла жооп берди.

- Мм… - деп Саамай башын ийкеп тим болду.

Машина ээн, жолдун бойундагы шаардын четиндеги ашканага келип токтоду. Талант өзү түшө калып Саамай отурган эшикти ачып:

- Кана түшүңүз, урматтуу чоң кыз, - деди колун бооруна алып жылмая.

- Рахмат агай, мага мынчалык урматтын кереги жок эле, мени сыйлаганыңыз үчүн чоң ыраазычылык, - деп Саамай саал жылмая түшүп Талант менен катарлаша басты. Узун бойлуу, мүчөсү келишкен чачын желкесине түйүп алган келинди көз кыйыгы менен карап койуп, төр жактагы орундуктардын биринен жай алып заказ берип анан бири-бирин карап калышты. Ушул убакта Саамайдын негедир күлкүсү келип кетти. Анын оозун баса жер карап калганына Талант дагы сөзгө тартмак болду.

- Саамай, башың бошпу?

- Кызык суроо бердиңиз агай, башым бош болгон менен колум бош эмес.

- Колуңду бошотуш оңой, башың бош болсо болду, - деп Талант күлүп калды.

Саамай да күлдү. Экөө күлүп жатканда тамак-аш көтөрүп официант келди, көпкө отуруп тамактанышты. Талант башынан ичкиликке жок, ошондуктан ичкилик алган жок.

- Агай, бул сөзүңүз менен эмне демекчисиз? - деп Саамай Талантты кыя карап суроо узатты.

- Билесиңби Саамай, мен сени чоочутуп алгандан корком. Анткени сен жашсың, сулуусуң…

- Койуңузчу, сулуу дегениңизге кошула албайм, бирок айтчу сөзүңүздү айта бериңиз. Мен эч нерседен чоочулабайм.

- Анда мен эркин сүйлөй берсем болот экен да?

- Кулагым сизде, - деп Саамай ага көздөрүн ойноктото тике карады.

- Мен сени сүйүп калдым…

- Кантип? - Көзүн алайта оозун басып калды.

- Эгер сен макул болсоң жакшылап сүйлөшөлү, сен бул жерге иштебей эле кой, керектүүнү өзүм даярдап берем, кандай дейсиң?

- Ойлонуп көрөйүн, сизден мындай сөз угам деп күткөн эмес элем, - деп Саамай жер карады. - Сиз баламын бар экенин билесиз…

- Ой, баладан кам санаба, менин жалгыз кызым бар, турмушка чыккан.

- Эмесе мен барайын, балам Валя апаны кыйнап койбосун, - деп Саамай ордунан козголду эле, Талант кошо турду.

Талант менен Саамайдын мамилеси ушинтип башталды. Саамайга ал дагы жагып жүргөн, салабаттуу көрүнгөн, кызматы бар. Күлгөндө өзүнө жарашып турган үстүңкү оң жагындагы үч алтын тиши ого бетер сүйкүмдүү көрсөтүп жүрөгүнө жылуулук берип тургансыйт.

Саамай жумуштан чыгып үйдө болуп калды, Талант каалаган убакта аны алып кетип кайра жеткирип койот. Бир күнү түш ченде келген Талант Саамайды бир кечеге сунуштады, ары кетип, бери кетип жатып көндүрдү. Жарашыктуу кийинип алып Таланттын оң каруусунан ала кирип келишкенде отургандар жабыла карап калышты. Ал адамдардын арасында Апиз бар эле, эки көзүн албай улам Саамайды карай берди: "Кантип эле Тоту өзү чоңойтуп алып өзүнөн улууга бере коймок беле, эмнеге аны менен колтукташып алган? Талант экөөбүз канча жылдан бери жолдош-жоро болуп жүрөбүз, аялын эмес бул кызды алып келгени эмнеси? Балким жөн эле окшоштуруп жатсам керек, Тотуга түспөлдөш экен" деп жаны жай албай ойлонуп жатып акыркы күнү сүйлөшкөнүн эстеди: "Апиз, мен уул болушун каалайм, анткени биз кыздарбыз. Бир гана иним бар" "Жо-ок, мен кызды жактырамын, биз жалаң эркектербиз". "Кызык, адамдар кандай: кызы болсо уулду, уулу болсо кызды самашат", "Ошону үчүн пендебиз да-а" деп мурдунан чымчып өөп койгону көз алдына тартылып жалт карай берсе Талант ага вино куйулган рюмканы карматып, бир колу менен вилкага закуска сунуп жаткан экен.

Апиздин ойу онго, санаасы санга бөлүнүп Саамайды жал-жал карап негедир бир туйук сезим аны көздөй тартып турду: "Таланттан сурап көрөйүнчү" деп ойлоп сыртка чыгып баратып аны ымдай чыкты.

- Апиз, сөзүң барбы менде? - Талант анын артынан чыгып келатып сурап калды.

- Жаш келин жандап эле болбойсуң… - Апиз аны карабай сүйлөдү. - Аяш мунуңду угуп калса эмне болоор экен?

- Сүйлөйсүң да дос, Изат андай аялдардан эмес, ал тургай "бир кыз менен өтүп кетмек белең, эптеп бирөөнү таап уулдуу бол, мен каршы эмесмин. Калыска өзүм түшүндүрөм, Мирбекти сен экөөбүз өз балабыздай көргөн менен эл айтып койот, жээн экени билинет, өз каныңдан жаралган уул бала башка", деп айтып жүрөт, ошонун уруксааты менен бул келинди таап алдым, андан көрө ал жактыбы? - Талант анын ийнине колун койо күлмүңдөй карады.

- Жакшы, жаш сулуу экен.

- Буйурса жакында нике кыйдырам.

- Кайдан, кимдин кызы экен?

Апиз Таланттын оозун карады, негедир "апасы Тоту" деп айтып ийеби деп чыдамсыздана күтүп калды.

- Ата-энеси жок, балдар үйүндө чоңойуптур, турмушка чыгып күйөөсү көп ичкенинен бир баласын алып баса бериптир.

- Балдар үйүндө дейсиңби?

- Ооба.

- Ошондой де, Апиз Талантка карабай басып кетип, ойу удургуй башына кан тээп отура албай отургандардан кечирим сурап чыгып кетти. Талант анын бул жоругуна таң калып өз ичинен ойлонгон менен сыртына чыгарбады.

Бир кезде Апиз, Талант, Нурдиндер чогуу окуган эле. Кээде гана кызмат, жумуш бойунча жолукканда сүйлөшүп калышпаса Апиз Нурдин экөө катышчу эмес. Ошондуктан Нурдиндин Тотуга үйлөнгөнүн да билбейт. Апиздин жандүйнөсү ооруп: "Акмакмын, өз канымдан, сүйүүмдөн бүткөн баланы жетим кылып тирүү жүргөнүмдү кара. Тоту да аны калкалай алган эмес тура, ага да ошол кезде кыйын болгондур, баары менин чечкинсиздигимден, мен акмакмын" деп көчө бойлоп үйүнө баргысы келбей басып жүрө берди. Улам көз алдына Тотунун, бирде Саамайдын элеси келип ушунчалык эрктүүмүн деген Апиздин ушул ирээт көз жашы куйулуп кетти: "Тоту кайда болду экен, деги тирүүбү? Тирүү болсо кызынан кабар албай кантип жүрөт? Мен го эркекмин, атамын. Ал эне го" деп өзүн-өзү алдаган менен баары бир өз суроосуна жооп таба албай кыйнала берди…

***

Туратбек аялынын өзүнө жасаган салкын мамилесинен улам бир нерсени шекшигендей жаман абалда калды. "Акыры билинет да, ошондо көрөм, азыр сүйлөгөндө болбойт, балдардын дагы көөнүнө кетпесин" деп ойлоп өз акылына ыраазы боло эс ала түштү. Бир күнү дагы Калыс ооруп жатам деп жатып калды. Жумуштан келген Туратбекке:

- Ысык-Атага барып келбесем болбойт, эртең жөнөйүн, атама барып путевка алып бер дейм, - деди.

- Макул барсаң бар, азыр бизге жолдомо келбей жатат, экөө келген экен алып кетпедиби.

- Мейли, бир жылда сага экини бермек беле, өткөндө барып жакшы болуп калдым эле, башымдын ооруганы негедир көбөйө баштады.

- Барсаң барып кел, путевка менен барсаң жакшы карашат, - деп Туратбек ички бөлмөгө кирип кетти.

Эртеси ал Калысты шаарга узатып өзү анын артынан көзөмөлдөп баратты. Калыс үйүнөн чыгып эки жагын каранды да аялдаманы көздөй басып барып ал жерге туруп калды. Туратбек жумушунан жооп сурап алып досунун машинасын айдап алыстан карап турду. Элеңдей каранган Калыс бир кезде кызыл нива келип токтоору менен түштү да жөнөп кетти. Аны көргөн Туратбек таңгалды, анткени ал ниваны жакшы таанычу, Артур Батыркулович өзүнүн жетекчиси, райондо айыл чарбачылык бойунча адис. Эңгирей туруп калган Туратбек эсине келе калып машинаны жылдырып артынан жөнөдү. Аларды акмалап шаарга жеткиче улам артка калып, бирде өтүп бара берди. Шаарга жетери менен тигилер мейманканага келип ээрчише кирип кетти. Ошол замат Туратбек мейманканага кирип кайсы бөлмөгө жайгашканын билди да дүкөн кыдырып жүрүп фотоаппарат сатып алды да кайра келип алардын маңдай жагынан орун алды. Каалгасын кыңкайта ачып койуп аңдып туруп бир кезде экөө каткыра бөлмөдөн чыкканда аларды сүрөткө тартып алды, Артыктын жанында каткырып отурган аялына жини келип ушул саатта муунтуп өлтүргүсү да келди, бирок өзүн кармап алардын ашканада отурганын, андан кийин бөлмөсүнүн ичинен тартмак болуп эшигинин ачылышын күтүп калды.

Бир кезде Артур менен Калыс колтукташа кирип, Артур кайра:

- Мен азыр жаным, сен отура тур, - дегенде ичкериден Калыстын үнү чыкты:

- Тез кел, мен зеригип кетпейин.

- Тез эле келем жаным, зерикпей отура тур! Ал ылдамдай басып кеткенде Туратбек алардын бөлмөсүнө кирди да Калыс керилип-чойулуп ваннага кирип кетээри менен столдо стакандарга куйулуп турган суусундуктарга уйкунун дарысын салып койуп өзү терезе парданын артына бекинип алды. Парда калың болгондуктан эч ким байкачудай эмес экен. Калыс ваннадан чыга электе Артур кирди:

- Ардагым, жуунуп жатасыңбы?

- Азыр-ыр, - деген үндү уга Артур суусундукту алып ичип диванга жата кетти. Аңгыча Калыс жылаңач этине халатын жамына чыгып келатып: Эшикти жаппай эле койойун ээ, - деди чойоктой. - Эшик үп болуп турат, думугуп баратам.

- Өзүң бил жалжалым, келчи жаныма, бир жыргатчы, көптөн бери сагынып кеттим.

- Чынбы, сагынганың чын болсо мага кандай белек алып келгениңди көрө-өбүз! - Калыс халатын ыргыта диванга Артурду баса бойун таштады.

- Мына, азыр көрсөтөм, - Артур чөнтөгүнөн чынжырча алып чыкты. - Карачы, кандай экен?

- Оо-ой жаным, ыраазымын сага, - Калыс чынжырды алып, - муну өз колуң менен так! - деди мойнун созо цепочканы ага карматып.

Артур чынжырды тагып эки бетинен өөп:

- Ушунчалык сагындым дейси-иң, - деп баса калды.

- Рахмат Артур, өмүр бойу ыраазымын сага! Кой, суусап кеттим, суу ичип алайынчы! - деп жылаңач бойдон туруп барып стакандагы суусундуктан жутуп жатканда Артур аны суктана карады:

- Пай, пай сулуум, мүчөң кетпептир, эгер кыз кезиңде мындай мүчөңдү көрбөсөм сенин керемет денеңдин ысыгын эңсеп жинди боло жаздабайт элем.

- Кой эми, анчалык мактай бербе-е, билсең бул мүчөмдөн төрт бала чыккан, анын бири сенин балаң Мирбек! - Туратбектин башына келтек тийгендей болуп кулагы туна түштү, кыймылдап ийгенден чоочуп аргасыз алардын укташын күтүп өзүн-өзү зорго кармап турду. - Билесиңби, Мирбекти мен төрөгөнүмдү Туратбек билбейт.

- Ошонусу жакшы, менин уйкум келип жатат, абдан чарчадым жаным, эс алып алалычы, ээ?

- Болуптур, менин да шайым жок, сени ойлой берип жаман болуп кетчү болдум, - Калыс Артурду бекем кучактап жатып калды. - Артур, эч ким кирбейт ээ, ачык тура берсин.

- Ким кирмек эле, бизден башка адам басып кириши мүмкүн эмес, - деди Артур колун ага арта. - Укта, жолдо чарчагандырсың…

Экөө бир топто барып эч нерсе сезбей уйкуга кирди. Туратбек ушул кезде экөөнү тең өлтүрүп салгысы келди, ал тургай бырчалап таштагысы келди, баятан берки алардын сөзү анын кыжырын келтирип, калчылдай баштаган эле: "Балам, ачууну акыл менен жеңүүгө үйрөн, ачуунун арты да дайым кайгы менен бүтөөрүн унутпа, өзүңө душмандык кылган адам кудайдан табат, ар убак жаман кылганга жакшылык кыл" деген атасынын сөзү кулагына угулуп өзүн кармай: "Сендейлердин жазасын кудай берсин" деди да сүрөткө тартып алып чыгып кетти.

Эртеси эрте ойгонуп алардын бөлмөсүн аңдып турду, эч дайын болбогон соң: "Мындан артык далилдин кереги жок" деди да айылга жөнөп кетти. Келип жумушуна барып арыз жазды да кетип калды. Көз алдынан он беш жылдан бери өзүнүн койнунда жаткан аялынын башка эркек менен күлүп жатканы келе берип жаман абалда жүрдү. Анан кайнатасынын үйүнө телефон чалды. Трубканы ар качан үйдөн чыкпаган Изат алды:

- Алоо, угуп жатам.

- Угуп жатасызбы, Ала-Тоо мейманканасына барып 204-бөлмөдө сизди кызыңыз күтүп жатат, - деп койуп койду.

Жандүйнөсү жабыркап көңүлү бул жашоодон калып, аялынын жүзү көз алдына келгенде андан ирээнжип бир орунда тура албай тынчы кете берди. Данагүл тогузунчу класстан окуп жаткан. Ал сабагына барып келип тамак-аш жасап, кайра сабакка даярданып, ини-сиңдисинин кирин жууп жаны тынбайт. Аны көргөн сайын Калыска жини келип: "Акмак, ак никемди булгаган шуркуя, кантип келип бет карашат мындай немелер? Көрсө Мирбек мунун төрөгөн баласы тура! Сүйүүмдүн кусуру урсун сени, ушунчадан аягы суйук аялга туш болгонумду кара" деп ойлонуп отурганда Данагүл кирип мойнуна асыла эркелей кетти.

- Ата, апам телефон чалдыбы, качан келет?

- Жок, чалган жок кызым, качан келээрин билбейм. - Туратбек кызынын саамайынан сылай жүзүнөн сүйө. - Балким апаңдын келбей эле койгону дурустур, - деди ойлуу.

- Эмнеге, ата?

- Билбейм, өзүм да түшүнбөйм, - деп ордунан туруп кетти.

Данагүл атасынын мындай абалын көргөн эмес, таңгала ийин куушура ишине киришти. `Алмагүл менен Келдибекти ойноп жүргөн жеринен чакырып алды, азыр ага балдары менен алаксыганы көңүл оорусуна дары болчудай жанына отургузуп алып сабактарын текшерди. Данагүл менен Алмагүл жакшы окуйт. Келдибек кайсарыраак, сабак окуганга келгенде башым же ичип деп шылтоолойт да эшикке чыгып ойноп кетчү:

- Кана биринчи чейрегиң кандай боло турган, жакшы окуп жатасыңбы?

- Окуп атам, - деп Келдибек дулдуя жооп берди.

- Күндөлүгүңдү көрсөт! - Туратбек уулуна сес көрсөтө карады. - Дептериңде бүт эле үч го?

- Мына, - Келдибек атасынын алдына күндөлүктү койду. - Эмки чейректе жакшы окуйм ата-а.

- Ата-аңдын оозун урайын десе, деги качан жакшы окуйсуң, убадаңды уй жеди, калпычы болдуң.

- Ата, балаң сабагын окугусу келбейт, ойноп жүрөт эмне… - Алмагүл такылдады. - Мен биринчи чейректе отличник болдум.

- Азамат кызым, сен эжең экөөңөр азаматсыңар. Бу бала кайсар болду.

Туратбек балдары менен бабырашып отуруп Данагүл алып келген тамакты көңүлү эргий ичти: "Балдарым бактылуу болсо болду, буларды эч качан Калыска бербейм, Артуру менен жүрө берсин" деп ойлоп эртеси өзүнүн машинасын айдап сүрөттөрдү конвертке салды, анан кат жазып кошо бекитип шаарга жөнөдү. Таланттын эшигине келди да каалгасына конвертти кыпчып койуп шыңгыракты басып, анан ылдый түшүп кетти. "Кызынын ошол кебетесин көрсүн" деген ойдо бир оор жүктү үстүнөн алып таштагандай жеңилдене кайра айылга жөнөдү. Туратбек катка: "Калыс, ушунча жыл жашап мага уул-кыз таап бергениңе рахмат, эгерде мурунураак Артурдан Мирбекти төрөгөнүңдү билсем жакшы болмок, эми Артур менен бактылуу бол, үйгө келем деп убара болбо. Балдар өзүм менен болот, аларды көрөм деп үмүт кылба, менин сени көрөйүн деген көзүм жок, кош бол, Туратбек" деп кыска жазып койгон.

Ошондон бери жарым жыл өттү. Изат өзү белек-бечкек алып неберелерин көргөнү келип кетти. Туратбек үйдө жок эле, Данагүл:

- Таене, апам эмнеге келбейт? Атамды жаман көрсө ага күйөөгө тийбей койсо болмок, - деп бышактады.

- Кой садага ыйлаба, апаң келет, дарыланып жатат, өзүм алып келем.

- Жо-ок, биз апамды аябай сагындык, эмнеге бизди ойлобой жүрүп алды?

- Тайне, апамды ала келбейт белеңиз? - Келдибек дагы аны үмүттүү карады. - Апам бизди унутуп калбады бекен?

- Унутпайт, жакшы болгондо келет да, - Алмагүл аны тыйды. - Баласын апасы унутмак беле?

Ушул учурда кирип келатып алардын сөзүн уккан Туратбектин зээни кейип артка чегинди: "Аттиң, ушулардын кадыры үчүн баарын кечирип алып келсем болот эле, мен атасы болсом да энесиндей мээрим, сүйүү бере албайт окшойм, же аны алып келип койуп өзүм кетип калсамбы?" деп эшикте басып жүрдү.

Изат келген менен күйөө баласынан уялып жолукпай эле балдарды көрүп келмек болгон. Ал баягыда мейманканадан кызын башка бирөө менен отурганын көрүп үйүнө алып кеткен, бирок кызы кайра эле качып кетип калган болчу. Калыс кимдин телефон чалганын билбей башы катып Артурга айтканда ал дагы өз үйбүлөсүнөн чоочулай бир жумадан кийин үйүнө кайткан. Ага Калыс кат менен сүрөт жөнүндө телефондон айтканда Артур чок баскандай чоочуп кетти:

- Калыс, ушундайда токтотолу, үйбүлөлүүбүз, уул-кыздарыбыз чоңойду, мындан ары чалба! - дегенде Калыс күйүп-бышып кетти.

- Ушуну кылмак белең, бир кезде ата-энемдин төрүндө төрөттүң эле, менин тагдырымды талкалаган сен эмес белең же жалганбы?

- Эми ал бүткөн сөз да Калыс, өткөндү козгобой эле койолучу.

- Эмнеге, эми менде үйбүлө жок, кайрылып бара албай калдым, кандай айла кылышым керек? Жумушунан бирдеме таап каматып жиберсең болбойбу?

- Кантип, ал арыз берип бошонуп кетиптир эбак эле…

- Эмне, бошонуп кетиптирби?

- Ооба, баарын билгенден кийин турмак беле? - деп Артур тутканы койуп койду.

- Ало, ало, ало-о! - деген Калыс аргасы түгөнө тутканы мыкчый кармаган бойдон туруп калды: "Ушундайда көңүлүмдү көтөрүүгө жарабай өзүн ала качты ээ, мурун да ушинткен, анын жүзү кара экенин билип туруп кайрадан анын изин басып алганымды кара" деп ыйлап алды: "Ал эми кечирбейт, өзүмө чала, бузулган аял деген атка кондум, балдарым билбесе экен" деп телефондун будкасынан илкий басып баратты. Кат менен сүрөт келгенде Талантка эчтеке айтпай Калыска Изат өзү батир алып берип өзүнчө киргизип койгон. Өзү келип жолугуп турат. Калыс апасын да тике карай албай же сүйлөшпөй отуруп акыры жадаганда Изат үйүнө кетчү. Ошондуктан неберелерине өзү келген эле. Апасын сагынган неберелерине боору ооруп: "Ээ кудай, жалгыз кыз берип тагдырын тайкы кылып жараттың беле, Талант укса эмне дейт, кокуй?" деп ойлонуп жолго чыгып кеч болсо такси жалдап шаарга кетүүнү туура көрүп жөнөй берди. Ал кезде кайненесинин келгенин билген Туратбек эшиктен кирбей эле басып кеткен болчу.

Изат ар кайсыны ойлонуп келатып, Талантты эптеп эле аял алып берип бөлүп ийгиси келип турду: "Шордуу кызым ай, эми кантээр экенсиң, балдарыңдын жүзүн көрбөй өз кылган каталыгың үчүн эзилип, ичтен түтөп жүрүп өтөсүң го?" деп үйүнө келсе Талант келип калган экен.

- Кайда бардың, келсем Мирбек жалгыз отуруптур, - деп Талантбек аялын көрөөрү менен сурады.

- Мирбек эми чоңойду да атасы, мындай басып келдим.

- Мейли, - деп Талант унчукпай телевизорго карады.

- Талант, деги сенин ойуң барбы, качан табасың, убакыт күтүп турбайт, ушундайда бирөөнү таап алсаң боло?

- Эмне, менден тажадыңбы? - Талант аялын оңурая карады. - Же сен да бирөөнү таап алайын дейсиңби?

Жылмайып күлүп койду.

- Кайдагыны айтпачы, же мени кызганып атасыңбы?

Изат күйөөсүн карап мулуңдап койду.

- Кызганам да, сүйүп алгам, кырк жылга жакын бирге жашасак.

- Кой атасы, андай дебе. Мага эле оңой дейсиңби. Айла жок, бирибиз минтип кадамды биринчи таштабасак кыз-келиндин көзүнө түшпөй калган кезде өзүңдү таңуулап жүрбө. Ошол ортодогу сүйүүбүздү менимче экөөбүз тең сыйладык, туу тутуп көп жыл жашадык, кыз деле бала деп өзүбүздү соороткон менен кыз бала тукум улар, орун басаар болуп бере албайт экен, кыз бөлөккө бүлө болуп, башка тукумду улайт экен, - Изаттын үнү каргылданып кетти.

- Болуптур, анчалык муңканбачы, канчалык башкага көңүл бурайын десем да эзилип кеттим.

- Антпе Талант, жакшы кыз-келиндер толуп жатпайбы, жашың өткөн соң жаш аял алсаң ар кимден коруп жүрүп күнүң өтөт! - деп Изат күйөөсүн тамашалай карап күлдү.

- Койсоңчу, андай куракта жаш аял алып эмне кереги бар? - Талант чычалап кетти. - Баса, бирөө менен тааныштым, бирок макул болобу же каршы болобу, азырынча белгисиз…

- Кандай, сулуу бекен?

- Аябай.

- Жакшы болуптур, Талант, сен андан эч нерсе аяба!

- Ыраазымын кемпир, мен аны тапкан күндө да биринчи үйүм, сүйүп алган жарым экениңди унутпа!

- Ой кудай ай, тим эле бир жакка кетип кала тургансыйт! Өзүңдүн үйүң, өзүңдүн аялың, балаң турат, эшигибиз сен үчүн ар убак ачык болоорун угуп кой.

- Болду анда, мен тездетем.

Талант ичинен кымыңдап алды: "Мындай аял болсо миңден бирөө болоор, байкушум десе эркек төрөбөгөнү үчүн күнөөлүү сезет окшойт өзүн, кең пейилим десе, аттиң Калысым апасын тартпай калды" деп отуруп жатып алды.

Изаттын ой санаасынын баары кызында, анын атасынан жашырынып жалгыз жашап жатканы жүрөгүн оорутуп кандай да болсо бир аялга жакындатып үйдөн кетишин күтүп жатты.

Калыс өзүнчө кайгыда, түрмөгө түшкөнсүп, эне-атасынын жүзүн карай албай күндүр-түндүр ыйлап жүрүп арыктап да кеткен. Артурга кийинки телефон чалганда ал аны сүйлөткөн жок:

- Калыс, эсиң менен болчу, мындан ары чалба дебедим беле, күйөөңдө сүрөттүн түпнускасы бар, аны менен экөөбүздү тең шерменде кылат, мен кызматымдан, үйбүлөмдөн ажырап уят болгум келбейт, мындан кийин мен сени, сен мени тааныбайсың! - деп тутканы койуп койгондо Калыс өкүрүп-бакырып ыйлап жатты:

- Бет-ти жок, акма-ак! "Сүйөм" деп койот дагы, сен үчүн баарына чыдайм дебедиң беле, эми башыма иш түшкөндө куйругуңду түйүп кете бердиң ээ. Уятсыз, эки жүздүү акмак!

Колундагы тутканы столго ургулай берди, анын сөзүн Артур укмак турсун сүйлөшпөй койгонуна жини келип ызасынан өлгүсү да келди.

Ал антип өзүнөн-өзү тажап турганда аны алып келебиз деп атасынан уруксат сурап Данагүл менен Келдибек шаарга жөнөгөн эле…

Калыс мелтиреп көпкө отурду да: "Пешенем ушул болсо аргам канча, эми Туратбектин жүзүн кантип карамак элем, ал да мени күтүп жатпагандыр, балдарым эстеп күткөнү мен үчүн бакыт, өлсөм ата-энем сыздаар, балдарым боздоп-ыйлаар. Туратбек эстеп да койбойт, мен анын жүрөгүн муздатып койдум, менин бул жашоодо тирүү жүргөнгө укугум жок, кечире көр кудайым" деп көзүн жумуп туруп дарылардын баарын кочушуна толтуруп алып оозуна салды да суудан ууртап чалкасынан түшүп жатып көзүнүн жашын төгүп жатты. Бир кезде эсине келип башы айланып, көзү тунара баштаганда акырын туруп барып эшикти илип койуп баса албай окшуп кусуп ийип жөрмөлөй зорго ордуна жетти да сулк жатып калды.

Данагүл менен Келдибек Таланттын үйүнө келгенде күн кечтеп калган. Ал күнү жатып алышты. Изат Таланттын көзүнчө аларды "сүйлөбөгүлө" дегенден кийин жөн-жай келген болуп отурушту. Эртеси таң атканда күйөөсү жумушка кетээри менен Изат өзү экөөнү ээрчитип Калыстын жашаган үйүнө алып келди:

- Силер эчтеке дебегиле, мен өзүм сүйлөшөйүн, - деп эшикти какса дабыш чыкпады: "Бир жакка кетсе кулпуламак, эшикти илип жатып алган тура" деген ойдо каалгасын тыкылдатса да жооп болбоду. Бир нерсени сезгендей эне жүрөгү опкоолжуп, каалганы катуулап тарсылдатып жатты. Коңшуларынан сураса кечээ жүргөнүн айтты. Анан аргасы кеткен Изат эшикти бузууга бир кишини чакырды. Ал катуу эки жолу түрткөндө эле илгич шарак этип ачылып кетти. Кирип келген Изат менен Данагүл Калыстын көздөрү ачылып кыймылсыз жатканын көрүп бакырып жиберишти, аларды көрүп Келдибек да ыйлап кирди. Ачылган көзүн жаап Изат боздоп жатты.

- Кагылайыным аа-ай, кантейин арман, пешенең ушундай беле садагам?! - деп отуруп эсине келе калды.

Аңгыча коңшулардан үч-төрт аял кирип:

- Кой эми көп эле кыйнабагыла, бул дүйнөдө кыйналса да тиги дүйнөсүн берсин, - дешип кайрат айтып жатты.

- Капырай, кечээ түштөн кийин бакырып эле ыйлап, сүйлөп жаткан, бирөө келдиби деп карасак эшиги бек, - деди маңдайкы коңшусу.

- Эмнеге жаныңдан кечтиң, каралды-ым?! - деп Изат буулуга ыйлап жатканда, бир жагында Данагүл боздоп отурду…

Калыстын сөөгүн айылга алып келип койушту. Туратбек өкүнүп калды: "Тим койушум керек беле, ал менин намысымды кордоп, эркектик атымды булгап, ак никемди бузуп жатса билмексен болуп жүрө беришим керек беле?" Канткен менен алган жары, балдарынын энеси эмеспи, ичи ачышты, күйдү. Балдарынын сыздап-боздоп турганына, айрыкча эсине кирип калган Данагүлдүн чаңырыгы зээнин кейитти, боз үйдүн тушунда Мирбек менен Талант да өкүрүп жатышкан. Эл менен бирге өкүрүп Артур келаткан эле, көрө калган Туратбек ордунан тура калып отун жарып жаткан балтаны ала койуп өкүрүп келаткандарды көздөй жиниккендей жүгүргөндө тургандар эмне болуп кеткенине түшүнө бербей делдейе туруп калышты. Эми жетип Артурду көздөй балтаны шилтей бермек болгондо жанында келаткан экөө анын колундагы балтаны кармап калууга үлгүрүп калды, жете келген Талант:

- Туратбек, сага эмне болду балам, эсиңе кел! - дегенде анын бүткөн бойу калчылдап, өңү кара-көк болуп туруп калды да:

- Артур, көзүмө көрүнбөй кетип кал, ажалың жок экен, болбосо Калыс менен кошо койулуп калмаксың! - деди жаактары түйүлө.

Эч ким эчтеке дебеди, Талант эч нерсеге түшүнбөсө да кызынын атын укканда бир нерсени шекший аларды карады:

- Кетип калгыла балдар, - деди жерди карап.

Артур унчукпай бурулуп машинасын айдады да жөнөп кетти. Турган эл Туратбекке таңгалып кала берди, эзели анын мынчалык ачууланганын көрбөгөндөр да бар эле: "Соо эмес, 'Калыс менен кошо койулуп калмаксың' дегенине караганда бир сыр бар" деген ойдо калышты.

Калысты жерге берип үч күн мүрзөсүнө барып куран окуган учурда анын мүрзөсүнө гүл койулуп калганын көрүп Туратбек ого бетер жиндеп жүрдү. Бир азга өзүн басып: "Демек катуу сүйсө керек, эми өлгөн немени кызганып эмне кылам, маа десе күмбөз койуп койсун" деп тирүүсүндө көрсөткөн азабынан да мунусуна кыжыры келип ойлогусу келбей калды: "Мен ак никемди бузбай ак жашадым, болбосо мага көзүн сүзгөн келиндер болбой койду беле? Аттиң, жашоодо ак кара бирдей болот тура" деп өкүнүп кетчү болду.

Калыстын кыркы өтөөрү менен Туратбек эч нерсеге карабай үйлөнүп алды. Ага коңшулары да, кайнатасы да таңгалды. Изат гана түшүндү, эч нерсе дебеди. Данагүл атасына каршылык кылууга али жаш эле, сабагын окуп өзү менен өзү, апасынын өлүмүн көргөн жаш неме чоочуп калганбы, коркуп көпкө чейин ооруп жүргөнүн жашырып, акыры катуу жыгылды. Туратбектин алган аялы Бүбүгүл өтө боорукер келин, жанынан чыкпай карап калды. Изат келип аны шаарга алып кетмек болгондо Туратбек:

- Апа, мейли доктурга көрсөткүлө, өзүм барып турам, - деди жөнөтүп жатып.

- Мейли балам, көрсөтпөсөк болбойт, бала неме коркуп калган го.

- Андай болсо молдого эле салбайлыбы?

- Жо-ок, молдого барбай доктурга көрсөтөбүз, эртерээк көрсөтпөсөк болбойт.

- Чоочуп чыгып атат, коркуп калганы чын го, эптеп жакшы болуп кетсин, - Туратбек аларды жөнөтүп кала берди.

Бүбүгүл Туратбектин көзүн карап, балдарга мээримин төгүп турат. Күйөөгө тийип чыккан, бир баласын ата-энеси багып калган эле.

Туратбек өткөндү унутууга аракет кылган менен көргөн кино тасмасындай көз алдынан кетпей туруп алды. Данагүл ооруканада бир ай жатып чыгып келди. Өңү азып арыктап кеткен кызына чарк айланып, көңүлүндөгүсүн таап алаксытмак болуп Туратбек балдары менен чогуу киного же кээ-кээде келген артисттердин ойунуна алып барат.

Бир күнү Данагүл атасына карап ыйламсырай:

- Ата, апамдын мүрзөсүнө алып барыңызчы, көрүп келейин, - деди.

- Мейли кызым, апаңдын жаткан жерин көрсөң сууп калаарсың.

Туратбек ордунан турду. Үч баласын ээрчитип мүрзөгө жете келишкенде кыпкызыл гүлдөрдүн букеттердин көргөн Данагүл сурап калды:

- Бул гүлдөрдү ким алып келди ата, сизби?

- Жок балам, апаңды кыз кезинде сүйгөн бир адам…

- Сиз сүйгөн жок белеңиз?

- Жок, капысынан эле үйлөнүп калганбыз.

- Аа-а, - деп койду Данагүл, бирок ага айткан менен ал түшүнмөк эмес.

Туратбек балдарын ээрчитип үйүнө келгенден кийин дагы ойлонуп жатты: "Мен сага сүйүүнү көрсөтөм, далилдей албасам эркек болбой калайын" деп көңүлүн өйүгөн санаасын басуу үчүн күндө таңга маал мүрзөнүн четинде кимдир бирөөнү күтүп турчу болду. Арадан бир жума өткөндө таңга маал Артурдун машинасы келип токтоду, жашынып турган Туратбек машинадан түшүп келаткан Артурдун колундагы гүлүн көрүп жини келе далдоодон чыгып аны көздөй барып алдынан тосту:

- Ошончолук сүйүүң күчтүү болсо неге үйлөнбөдүң?

- Туратбек, андай дебе, Калыс менин азабымдан өлдү, ошон үчүн кечирим сураганым…

- Танба. Ортоңордо Мирбек аттуу балаңардын бар экенин да тангың келеби?

- Туратбек…

- Мен сенин артыңдан түшкүм келген эмес, өзүң кылдың, эми сен сотто Калысты өлтүргөн катары жооп бересиң. Сенин андан кутулуу үчүн өлтүргөнүң белгилүү, далилдериң бар…

- Жок-жок, Туратбек, кечирип кой мени! Аялым, балдарым бар, кызматымдан ажырагым келбейт, менин Калысты өлтүрбөгөнүмдү билесиң. Сүрөттөр жөнүндө билем, сен ошол аркылуу менден өч алганы жатканыңды түшүнүп турам.

- Анда ушул жерден мүрзөнү кучактаган бойдон өлөсүң!

- Туратбек, кечир мени, экинчи бул жерге келбейм, сени кааласаң кызматка отургузам. Бир ачууңду мага бер. Душмандашпайлы мындан ары…

Артур колундагы гүлү түшүп калчылдап туруп калды.

- Менин турмушумду бузуп салдың, акмак. Катынымды өлтүрүүгө алып барган адам эртеңки жашоосунан күмөн санап ойлонгон жокпу? Башка бирөөлөрдүн тагдыры, менин балдарым энесиз калды, сенин да балдарың дал ошондой болушу керек! - Туратбек Артурду муштуму менен кулак түпкө койгондо ал мүрзөнүн үстүнө кулап кетти.

- Жан соога, Туратбек. Өлтүрө көрбө!

- Сенин жаның ушунча таттуу экенин билбепмин, Калысты кыз кезинде туудуруп койуп анын тозоктуу күндөрүн ойлоп да койбой үйбүлө күтүп бактылуу өмүр сүргүң келген да, ээ?! Ошону менен жөн калбай анын жашоосунда кайрадан пайда болуп өлүмгө түрттүң! - Туратбек аны тургузбай тепкилеп туруп оозуна ала келген уу коргошундун суйуктугун куйду да, - Эми Калысты тиги дүйнөдө да сүйүп жата бер! - деп басып кетти.

Эки жакты карап туруп, эч кимдин жок экенин билгенден кийин үйүнө жөнөдү…

Ошол эле күнү түшкө маал Артурду мүрзөнүн үстүндө өлүп жатканын табышты, аялы анын мүрзөдө өлгөнүн угуп жини келди, эч ким анын өлүмү эмнеден экенин билгиси да келбеди. Ошол бойдон аны жерге берип ырасымын жасап, балдары ыйлап-сыктап кала берди. Мүрзөнүн үстүндө соолуган букеттер жерге сеңселип учуп чачылып жатты. Баарын уккан Изат ичтен күйүп жүрүп кызынын жылдыгы боло электе бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Жашоосунда эмнелер болуп жатканына түшүнө бербей, Талант жалгыз кызы менен аялынын акыркы сыйнаттарын жасап, экөөнө эстелик тургузду да куран окутуп койуп арадан эки-үч ай өткөндөн кийин үйлөнмөк болуп камынып жатты. Бул кезде Саамайдын бойунда бар эле…

Нурдин менен Тоту Саамайды издеп барбаган жери калган жок. Тотунун көзү тоодой болуп шишип ыйлап жатты, аны көргөн Нурдин:

- Тоту, ал кызга эмне эле мынчалык күйдүң, балким аны күйөөсү таап алып кеткендир, баласы турганда кайда бармак эле деп бир жерде жашап жүргөн чыгаар. Үйүн таап бердик, колунан келсе кассадагы акчасынан алып жашай берсе болмок. Акыры ошол документтер үчүн келет.

- Кызыксың, эч кимиси жок бечара болсо бооруң ооруйт да, баласына көнүп калыптырмын, тим эле сүйкүмдүү болчу… - деп Тоту сыр алдырбай көптөн бери камдап жүргөн жообун айта салды.

- Да-а, бечара десең. Жакшы эле жардам бердик, андан көрө үйүн ремонттоп, үй ичине буйумдарды толтуруп алып жашай берсе болмок.

- Эмнеге качты десең…

Тоту ичинен сызып жүрөк өйүгөн суроону айтып жиберди.

- Ким билет, өзүнчө жашагысы келгендир. Баса Тоту, сен ал чоңойгон балдар үйүнө эмнеге барып сүрүштүрүп жүрөсүң?

Нурдин аялына сынай көз жиберди.

- Эмне? - Тоту чоочуй күйөөсүн карады. - Эмне болуптур, жетим болсо, делосун карап көрөйүн дедим, студент кезде бир курбум жаңылып калып баласын таштаганын уккам, ошолбу деп билгим келген…

- Курбуңдун фамилиясы сеникиндей беле?

- Оо-оба… - Тоту кармалып калгандай башын ийкегилеп жиберди. - Экөөбүздүн аты жөнүбүз окшош болчу…

- Аа-а, - деп койду Нурдин, бирок шекшип жүрдү.

Ошол бойдон унчугушпай калышты.

Аңгыча Апиз келин алып тойго чакырыптыр, Нурдин Тотуга келип айтты. Ал унчуккан жок.

Экөө ээрчише тойго келгенде узун бойлуу сулуучумак аял босогодон тосуп келген конокторду кабыл алып жаткан. Тоту көрүп: "Кайдан көрдүм эле? Тааныштай сезилет, балким институтта окуп жүргөндө көргөндүрмүн" деп Нурдин менен катар кирип орун алып калды.

Бир кезде чогуу отурушкандан кийин Апиз келип отурду да аялына карап:

- Гүлбү, биздин коноктордун ичинде сен тааныбаган менин курсташтарым, азыр чогуу иштеген досум Нурдин жана анын аялы… - деп келатып Тотунун көрүп саамга токтой калды, сыр билгизбей тамагын кыра жөтөлүмүш болуп калганда, Нурдин:

- Тоту, менин аялымдын аты Тоту, - деп жылмайганда гана эсине келе:

- Нурдин досумдун аялы Тоту, андан кийинкиси Талант, жанындагысы Саамай сулуу, досумдун сүйүктүүсү, - деп Гүлбүгө карады.

- Мен кубанычтуумун, күйөөмдүн ушундай жоро-жолдоштору бар экенине, - Гүлбү күлө сүйлөгөн менен "Тоту" дегенди укканда өзүнүн кызганычы кармап качанкы өткөн окуяны эстеп бир көргөн арыкчырай сулуу кызды азыр окшото албай улам карап: "Мен Апизди сага жолотпосумду билгенден кийин акыры күйөөгө тийген экенсиң да" деп жаман көзү менен согуп өттү да сыр билгизбей оолжуй сүйлөдү. - Биздин уулубуз Темирлан урматтуу министрдин кызына үйлөнүп жатат. Эмесе коноктор, аяштар, кудалар келгиче бир аз отуруп чайлашып алалы, - дегенде эки келин чайнектерди алып келип берди эле Гүлбү чай куйуп сунуп кирди.

Тоту башын көтөрө албай чыныны кармаган колу калтырап зорго ууртап бет маңдайындагы өзү бир көрүүгө зар болуп экинчи жолу жоготуп алып таппай жүргөн Саамайды, өзүн алдап, аялынан чыгалбай калган Апизди бир карап отуруп өзүн жоготуп баратты…

Баятан бери зорго өзүн карманып: "Ушулар менен аяш боломбу кудай ай өз энемдин аяштарына туш болгонумду кара, кеткен бойдон бир кайрылбай койгонум уят, эми да учураша албай калдым, кеч көрүп калдым, болбосо кирбей кетип калат элем", деп ойлоп көзүнө жаш кылгыра үнсүз отурган Саамай Нурдиндин:

- Тоту, Тоту, сага эмне болду? - деген үнүнөн карай койсо ал Тотуну кучактап отуруптур. Баары Тотуну карап үрпөйүп калганда, Саамай:

- Эже-е! - деп кыйкырып ордунан туруп жүгүрүп жетти. - Эжекебай, сизге эмне болду, ооруп калдыңызбы? Врач… врач чакыргылачы?! - деп ыйлап жатканда Апиз делдейе туруп калды: "Шумдук, Тоту муну ата-энесине бербей жетимканага таштаса, анан бул аны кайдан таанып эжекелеп жатат, деги эмне болуп жатат?" деп ойлонуп аялын караса анын өңү кумсара өзүн тиктеп туруптур.

Аңгыча тез жардам келип Тотуну ооруканага алып кетти, дале эч нерсеге түшүнбөй отурган Апизди Гүлбү ары жетелеп барып:

- Көрүп-билип туруп ойношуңду менин баламдын ак тойуна чакырганың эмнең, же дале жолугушуп жүрдүңөр беле? Ал шермендең сенин жашооңду көрүп чычалаганынан өзүн жоготуп койду, мүмкүн ушул бакытка мен жетпедим деп арман кылып жүргөндүр? - деп кекетип кирди.

- Бас жаагыңды, ал убагында болгон, мен аны сүйчүмүн. Ооба, ал чындык, бирок анын Нурдиндин аялы экенин билген эмесмин!

- Актанбай эле кой, бул тойду тынчыраак өткөрүп алайын, анан сени эми Тотуңа кошуп койом! - Гүлбү бөлмөдөн чыгып коноктор отурган жерге келди. - Кечирип койуңуздар, көңүлүңүздөрдү ачып, уул-келиндин ак тойунда жакшы маанай менен отуруңуздар, - деп күлө бакты.

Апиз анын артынан келип ордуна отурду:

- Кечиргиле достор, туугандар, бир аз окуя болуп кетти, оорукчан тура, бечара, досумдун аялы. Дасторконго караңыздар! - деп алакан жая күлүмүш этти.

Аңгыча шарактаган жаштардын коштоосунда Темирбек менен Аида жүздөрү албыра кирип келишти. Ата-эне уул-келинин кучактап өөп, куттуктап чогуу столго отурушту. Бир топтон кийин "кыздын ата-энеси келди" дешип баары ордунан тура дүрбөп калышты. Министр куда менен кудагый кыз-күйөөнүн эки жагына отуруп, калгандары жайланышкандан кийин той өтүп жатты.

Бир гана Апиз чийки май жегендей кыжаалат болуп, ар кайсыны ойлонуп алагды болуп: "Талант мени менен тең болсо, менин кызым ага эмнеге тиймек болду экен? Ал аргасыз ошого барган болуш керек, жетимканада чоңойуптур дебеди беле, анда Тотуну кайдан "эжекелеп" жатат болду экен? Бул жөнөкөй сыр эме-ес, булар катышып жүрсө керек. Талантка жетимканада өскөм деп алдап койсо керек" деп чар-жайыт санаадан башы катып жатты. Чынында Тотуну катуу сүйгөн, ушул убакка чейин аны ойлогондо аялын жек көрүп кетчү. Ушул ирээт ал Гүлбүдөн биротоло көңүлү калып үйдөн кетүүгө даяр турду. Бул кезде баарын кычырата кармачу Гүлбүнүн атасы жок болчу, өзү кадыр-барктуулардын арасында, тааныштары көбөйүп тамырлап калган: "Бир жолу жашоого келсем өзүм каалагандай жашоого укугум жокпу, Гүлбү эми эч нерсе кыла албайт" деп ойлонуп жатты. Анын бул түрүн көргөн Гүлбү жини келип: "Сени шашпа, ошол Тоту менен кошо жайлабасамбы" деп кекенип отурду.

Тоту түн бир оокумда көзүн ачты. Жанында Нурдин, Саамай, Талант менен Айна отурган. Ордунан козголмок болгондо Нурдин аны тургузбай кармап калды:

- Турбай жата бер, сага турууга уруксаат бербей жатат доктур, жакшылап сакайышың керек.

- Мени ооруканага алып келбей эле койсоңор болмок, оорудан азап чеккиче өлүп калганым жакшы эле го? - Тоту ары карап кетти.

- Эже антпеңизчи, мени кечирип койуңуз, үйдөн кеткениме, - Саамай Тотунун колун кармап ыйлап жатты. - Силерге жүк болбойун дедим, бирөөдөн калган байлыгынын да кереги жок мага, ошон үчүн кеттим…

- Саамай, бекер кыласың, чындай келсе өз ата-энелер да балдарына байлык таштай албай өтүп кетишет, сен ошого ыраазы болуп өз ырысыңды өзүң пайдаланышың керек болчу?

Нурдин ушинткенде Талант алардын сөзүнө түшүнбөй отура берди: "Кайдагы байлык, эмне деп жатышат, булар кайдан тааныш болду экен?" деген ойдо отурганда врач кирип:

- Силер бара бергиле, оорулууга тынчтык керек, өтө көп ойлонгондон жүрөк начарлап кеткен, өткөн-кеткенди азыр сүйлөшпөгүлө, - деди эле баары чыгып кетти.

- Мен апамдын жанында калсам болобу? - Айна врачка жалооруй карады. - Мен сүйлөбөйм, жөн эле карап турайынчы?

- Жок кызым, апаң эки күндөн кийин өзү басып кирип-чыгып калат, ошондо жанына келип-кетип турсаң болот, азыр тынч жатсын.

- Жүрү кызым, үйгө баралы, апаңдын сакайып кетишин кудайдан тилеп туралы, - деп Нурдин Айнаны ийинден ала сыртка карай алып жөнөдү.

Эшикке чыккандан кийин Талант Нурдинге карап:

- Силердин тааныш экениңерди билбейт экемин, Нурдин. Өзүң билесиң, аялым өлгөндөн кийин Саамайды таап алдым. Жалгыз кызым бар эле, ал дагы өтүп кетти, - деп ойлуу айтканда Нурдин Саамайга карады:

- Саамай биздин өз кызыбыздай болуп калган, ошондойбу кызым?

- Ооба… - Саамай жер карады. - Сиздердин мен үчүн жасаган жакшылыгыңыздарды кантип унутмак элем, мени кечирип койуңуз.

- Эчтеке эмес, сен өзүңдү ашыкбаш сезип алсаң керек, биз сени кандай издебедик.. Бир үйбүлөдөй болуп калганбыз, айрыкча Закирди Тоту сагынып абдан күттү, сени көрүп анын жүрөгү кармап калбадыбы?

- Мындай адамдардан качпай жүрбөйсүңбү, Саамай? Нурдинди студент кезден билем, абдан жакшы адам, көлдөй терең, деңиздей чалкыган кең киши, - Талант Нурдинди карады. - Туурабы Нуке?

- Жакшы-жаманымды эл билет, силер билесиңер дечи, бирок Саамай жаш эмеспи, андан көрө үйгө чогуу баралы. Тойго барып бере турганыбызды бере албай да калдык, Апиз таарынбаса болду.

- Ал түшүнөөр, кантсе дагы теңтушпуз го? - деди Талант.

Нурдин кызы менен өз машинасына отурганда Таланттар Саамай экөө өз машинасы менен анын артынан ээрчий айдады.

Нурдиндин үйү үчүнчү кабаттагы беш бөлмөлүү үй. Чогуу келишип төркү бөлмөгө өттү.

- Закир кандай, чоңойуп калдыбы? - деп Нурдин Саамайды карады.

- Ооба, сүйлөп да калган, жакшы эле, - деп Саамай жер тиктей жооп берди.

- Уулуңду жакшы кара кызым, бизден качпа, келип тур.

- Келмек тургай Нуке силерди Саамайга өкүл ата койуп койсомбу деп ойлонуп жатам, - деп Талант Саамайды карады. - Кандай дейсиң, Саамай?

- Мм…

Саамай Таланты элейе караган менен сөз айтууга кудурети жетпеди, ылдый карап отуруп алып көз жашын агыза солкулдап ыйлап жатты.

- Сага жин тийдиби Саамай, эмне менин ойума каршысыңбы? - Талант чебелене Саамайдын колунан кармай калды. - Тоту да жакшы аял, сага жакшы өкүл апа, өкүл ата болушат, катышып өмүр бойу ынтымактуу, жакын адамдардан болуп калабыз, же жаманбы?

- Жок-жок, андай эмес, мен андай ойлогон жокмун, мейли кандай болсо да макулмун! - деп Саамай өксөгөн бойдон өзү жатып жүрчү бөлмөсүнө кирип кетти.

Нурдин ойлуу отуруп калды, Талант жаман абалда жаагын таяна Саамайдын бул абалына түшүнбөй турду: "Бул эмнеси, бул жерде чоң сыр бар го, кандай сыр бар болду экен, неге ыйлайт, неге өз ойун айтуудан качат?" деп үнсүз отурганда терезеден таң шооласы жаркырап, жарык үй ичине кирип тиричилик башталып күрү-гүү болгон машинанын үндөрү угула баштады.

Айна тамак жасап чогуу тамактанды да ооруканага жөнөштү. Алар келгенде Тоту ойгоно элек болчу, күтүп отуруп калганда көзүн ачкан Тоту кыдырата баарына көз кырын салды да, Нурдинге бурулду:

- Мен жакшы болуп калдым, үйгө эле кетейинчи…

- Жок, сакайгыча жатышың керек, биз келип турабыз, өзүңө кара.

- Койчу Нурдин, уколдон тажап кеттим, үйдө эле болойунчу. Өлбөйм, жөн эле оорудан корко бермек белем, - Тоту Айнанын жардамы менен өйдө болду. - Үйгө алып кетеличи.

Ошондо Саамай анын жанына жетип:

- Эже, жакшылап сакайгыча жатып туруңуз, врачтар уруксат бергенде чыгасыз, - деди колунан кармай.

Тоту анын колун жүзүнө алып барып басып анан өөп көзүн жума бетинен ылдый жаш куйулуп:

- Ма-акул кызым, макул, сенин тилиңди алайын, сен бизди таштап кетпечи, суранам садагам, Закирди алып келип көңүлүмдү аччы! - деди шыбырай.

- Тоту, Саамай эч жакка кетпейт, биз аны күйөөгө өзүбүз беребиз, сен жакшы айыгып чык, - Нурдин Саамайды карады. - Туурабы Саамай? Закирди өзүбүз багабыз.

- Ооба, сиз эле сакайып кетсеңиз болду. Закирди бүгүн эле алып келем, макулбу эже?

- Болуптур кызым, мен сакайганча жатам, Закирди көрсөтчү садагам, - деп Тоту кыңкая жаздыкка баш койду.

Аңгыча сестра укол саймак болуп ийнелерин алып келип калды.

- Эс ал эми, Айна калып тамагыңды куйуп берет, биз бара берели, - деп Нурдин аялын жүзүнөн өөп койуп эшикке жөнөдү.

Саамай дагы өөп коштошту. Тоту телмире жатып калды.

Нурдин: "Демек Саамай кызы окшойт, а Саамай билет болду бекен? Балким экөө тең билээр, менден жашырып жаткандыр, неге башында эле айтып кеңешкен эмес? Ачык айтса каршы болбойт элем, өзү минтип оорукчан болбойт эле" деп жумушуна кетип баратып ойлонуп жатты. Бир туруп Тотуга нааразы болуп кетсе, бир туруп аяп жатты: "Эми деле ачыгын айтпайбы, неге мынча жашынат, эмне демек элем, ушунчалык дагы катуу жан болобу, канча жылдан бери чогуу жашап келаткан эрине ишенбейби, же дагы башка сыры барбы?" деп өзү менен өзү сүйлөшүп жумушуна келди. Келип эле Апиздин кабинетин караса бек экен, өз ордуна келип отуруп калды, ойунда Саамай менен Тоту, алардын окшоштугу, Саамайдын көрүнүшү Токтуга окшогон менен каштары, маңдайы башкача эле: "Балким атасына окшоштур" деп ойлоп алды. Ал кагаздарын карап отурганда Апиз кирип келди:

- Ас-сало-ому Ал-лейкум!

- Ал-леки салам, кандай, той жакшы өттүбү? - Нурдин аны ойунда эч нерсе жок мурункусундай эле ал-абалын сурап кирди. - Бизди кечирип кой досум, Тотунун жүрөгү оорукчан, көп ичинде да отура албайт, мен аны болбой ээрчитип келгемин, жүрөгү кармап калбадыбы.

- Эчтеке эмес, деги жакшы болуп калдыбы? - Апиз сыр алдырбай сурап койду.

- Жакшы, көпкө жатат го.

- Эмнеси болсо да жакшы болуп кетсин, канча балаңар бар?

- Бир уул, бир кызыбыз бар.

- Кыз берип калгандырсыңар? - деп Апиз андан Саамай жөнүндө угамбы деп күттү.

- Жо-ок досум, кызым Айна университетте окуп жатат, уулум али мектептин окуучусу.

- Аа-а, - деп Апиз кабинетин көздөй басты. - Кой мен кеч келип калдым, - деди да кирип кетти: "Демек Саамай жөнүндө бул да билбесе керек же мен аны жөн эле окшоштуруп жатамбы? Балким ал бөлөк эле бирөөдүр" деп аялынын уу сөздөрү кулагынан кетпей көпкө креслодо отура берди: "Сен менин атамдын арты менен киши болгонсуң, эми сен менден кеталбайсың, эгер кете турган ойуң болсо мен сени соо кетирбейм, сен ушуну билип кой!" дегени жаңырып башын мыкчый калып сөгүнүп алды: "Эн-неңди, ушундан тажадым, тиреген асманыңды таштап жиберсең дагы ачык айтам, Талантка кызымды бербейм, көз алдымда өз канымдан жаралган кызымдын аргасыз улуу адамга башын байлашын каалабайм" деп ордунан тура калды. Чынында ал Талантка Саамайды ыраа көрбөй жаткан эле…

Нурдин Апиз кабинетине кирип кеткенден кийин бир нерсени эстедиби же окшоштукту байкадыбы, ишенип-ишенбей кызыктай болуп жатты: "Саамайдын жазы маңдайы менен каштары Апизге окшошуп кетет экен.. Кызык, эмнени эле ойлонуп жатам? Таптакыр башка адамдардан күмөн санаганым туура эмес" деп отура албай Тотунун Саамайдын колунан өөп отуруп сүйлөгөн: "Кызым, сен бизден кетпечи, Закирди алып келчи, сагынып кеттим" сөзү кулагына жаңырды. Ого бетер жаны жай албай жумушуна көңүлү келбей сыртка чыгып кетти. Түш боло элек, эми ондон өтүптүр. Кайрадан башын ооруткан санаадан тажаган Нурдин жолго чыгып буфетке жөнөдү, барып жүз грамм арак ичти, анан жүздү кызыганча ичип, үйүнө мас болуп келип жатып алды, ооруканага барган жок.

Айна атасынын ичип келгенин биринчи көргөндүктөн унчукпай жаткырып койду.

Эртеси ойгонуп алып башы ооруп турган Нурдин эртелеп тамак жасап алып апасына жөнөмөк болуп жаткан кызына карады:

- Кызым, апаң жакшыбы?

- Жакшы эле, үйгө алып кеткилечи деп болбой жатат, кечээ Саамай эже баласын алып келип кетти, тим эле жакшынакай болуп чоңойуп калыптыр…

- Ырас болгон тура, кайра алып кетип калдыбы?

- Ооба, алып кетти, апам чыккандан кийин алып келип таштайм деди го?

- Мейли кызым, апаңдын дарты да, дарысы да ошол Саамай менен Закир… - деп Нурдин жер карады.

- Эмнеге? - деп Айна эч нерсеге түшүнбөй карап туруп калды.

Нурдин кызынын бул суроосуна жооп таба алмак эмес, эмне деп айтат, же Саамай апаңдын кызы дейби, чындыкты билбей туруп кантип айтмак?

Кыз бала унчукпай кутулган атасынын табышмактуу сөзүнө ийнин куушура тим болду, ал азыр турмушта ачуу-таттууну адам баласына бирдей даамын таттырып турган кубулушу күчтүү "тагдыр" деген сызыктын бар экенин сезе элек байоо секелек эле…

Убакыт өтүп Тоту ооруканадан чыгып келди, мурункудан арыктап, өңү азып калган, көңүлү ачылып баскан турганы тыңып калды. Саамай Закирди алып келип Тотуга эрмек кылып таштап койду. Тоту аны жетелеп оңуп калды, сыртына чыгарбаган менен купуя Саамайды балдарынын катарына кошуп көңүлү куунак.

Бир күнү Саамай келген экен, Тоту аны ойлуу үйдөн карап сөзгө тартты:

- Саамай, сен үйдөн кетип калып кайдан дагы Талантка жолугуп калдың, менин колумдан келсе, сени ага ыраа көрбөйт элем.

- Эже, Талант жакшы адам.

- Жакшы адам экени көрүнүп турат дечи, жашыңар туура келбей турат, сенден улуу…

- "Атаңдай" дебейсизби, аны жакшы билем, көңүлүмдү карап, алчаңдатып бакан ата-энем болбосо кайсы арыма эр тандайм, эже. Кимге таянам, кимге ичтеги арманымды бөлүшөм, сизгеби?!

Саамай Тотуну мисирээ карады: "Оорумактан өлүп кетпейсиңби. Өз балаң экенимди билип туруп жашырасың, мерез" деп тике карап турганда:

- Өзүң бил, - деп Тоту Закирди кучактап өөп унчукпай калды.

- Макул эже, мен кетейин. Тагдырым пешенеме эмне жазса ошону көрүп жатам! - деди да чыгып кетти.

Ал чыгаары менен Тоту буркурап жиберди:

- Оо шордуу башым, муунум, эрке кызымды сөөм жакын турса да кучагыма кысып моокумум кана жыттай албадым! Мен акылсыз, арсыз, алсыз аял экемин, оо жараткан не кылганың бул, чечкинсиз болуп калганымды кара!

Дал ушул босогодон чыгып каалгага жөлөнүп алып Саамай дагы ыйлап турду: "Неге чын эле биз жакын туруп алыстай болуп жатабыз, же бала болгон менен кайдыгер адамдайбыз, кудай ай деги табышмактуу жашооңдо дагы кандай жаман-жакшы белектериң бар болду экен?" деп жандүйнөсү сыздап бороондо бүрүшүп үшүк алган жалбырактай тагдырдын тамашалуу ыргагына дирилдеп турду. Көптөн кийин гана өзүнө келип, жашын аарчып алып тепкичтен ылдый түшүп кетти.

Эдил мектепти бүтөөр жылы Тоту катуу ооруп калды. Айна сабагына барып келип кайра апасын карап абдан кыйналды. Ал тургай жигити үйлөнөлү дегенине болбой үйүнө шашып сүйлөшкөнгө убакыт таба албай жүргөндө Мурат аны аудиториядан чыгып келатканда тосуп алды: - Айна, сен эмнеге менден качып калдың, же мени сүйбөйсүңбү?

- Мурат, сен мени түшүнчү. Апам катуу ооруп жатат, менден башка карай турган эч ким жок, деп Айна жер карады.

- Мейли, аны түшүнөйүн, керек болсо экөөбүз бирге баралы, мен деле болочок кайненемди көрүп таанышып алайын.

- Жок, Мурат, болбойт.

- Эмнеге, биз бири-бирибизди сүйөбүз да?

- Ал туура дечи, бирок…

- Эмне бирок? Мурат кыздын жүзүнө тике карап ийнине колун койду. Же алар экөөбүзгө каршы чыгат деп ойлойсуңбу?

- Андай да, мындай да эмес, сен чыдай турчу Мурат, убагы келсинчи!

- Жок, мен сенин бул сөзүңө каршымын, сенин кайгың менин кайгым, сен күлсөң мен да күлөм, демек биз бирге болууга ушундан баштап, баарын экөөлөп чечүүгө көнүшүбүз керек…

- Койчу бай болгур, мен кечигип калдым, мени күтүп калды апам, - деп Айна Мураттын колун түртө салып жүгүргөн бойдон кетип баратканда Мурат селдейе карап туруп калды: "Кызык, буга эмне болгон, же мени сүйбөйт окшойт, болбосо минтип каччу эмес эле, же башканы жактырып калганбы?" деп ойлонуп башын жерге сала кетип жатты.

Нурдин күндөгүсүндөй эле жумушунан чыгып үйүнө жөнөмөк болуп машинасынын жанына келип эшигин ачып отурмак болгондо анын артынан бирөөнүн келаткан дабышы угулду, жалт бурула берип бейтааныш аялдын түз эле өзүн көздөй келатканын көрүп туруп калды. Тааныштай көрүнгөн менен боолголоп калды эле:

- Саламатсызбы? - деди ал аял жакын келип.

- Саламатчылык, сиз…

- Мен… тиги Апиздин аялы эмесминби…

- Аа-а кечиресиз, тааныбай калган турбайынбы, кандай жакшысыңарбы?

- Жакшы. Баары эле жакшы, мен сизге атайын жолугайын деп келдим эле.

- Келгениңиз жакшы.

- Сиз билесизби, мени кечиресиз… Эмнеге…

- Айта бериңиз тынччылыкпы?

- Тынччылык эле, сиз аялыңызга үйлөнгөндө анын мурда эмне кылып жүргөнүн билип туруп үйлөндүңүз беле?

- Бул суроону эмнеге бердиңиз? - деп Нурдин кайра өзүнө суроо узатты.

- Менин айтайын дегени-м.. - Гүлбү ары-бери басып кытмыр жылмая Нурдинди кытмырлана карап, - Тоту менен Апиз менин көз жашыма карабай бир кезде ойнош болуп жүргөнүн айтайын дегем.

- Эмне дедиң? - деп Нурдин аны жалт карап ишенгиси келбей кайра сурады. - Сен аны кайдан билесиң?

- Менби, Нурдин Мусаевич, мен Апизди ошол сиздин айымыңыздын койнунан сууруп кеткемин!

- Ыраспы? - деп Нурдин жаагын сыйпалап ойлуу туруп калды. - Болуптур, ал өткөн иш тура, муну менен дагы эмне дегиңиз келет?

- Экөөнүн ортосунда бала болуш керек эле…

- Жалган!

- Мейли жалгандыр, бирок "бойумда бар!" деп боздоп ыйлап калганы алигиче көз алдымда.

- Ош-ондой де? - деп Нурдин жин ургандай машинасына отурду да айдап жөнөдү: "Азыр Тотунун абалы оор, мындай сөздү көтөрө албайт, эмне кылуум керек? Ырас эле баамдаганым туура чыккан экен, Саамай анын өзүнүн кызы тура" деп ээн талаага чыгып өзүн басып алып көпкө отурду. Күн кечтеп калган эле, үйгө келип Айнанын жок экенин билди, Эдил телевизор көрүп отуруптур. Эч нерсеге көңүлү келбей кийимин алмаштырмак болуп илгичтен үй халатын алып жатып Саамай кийип жүргөн халат түшүп кетти, аны алып илип коймок болуп этек жагынан кармап алган экен жакасын таппай атканда жерге бир нерсе түшүп кеткенин байкап калды. Халатты илип койуп эңкейип саргайган кагазды ачып окуй баштады. Ал Уларкандын Саамайга жазган каты болчу. Окуп болгон Нурдин: "Эмнеге жүрөгү ооруйт деп таңгалып жүрсө, мунун көкүрөгүндө унутулгус арманы бар экен да, ачыгын эле айтса мен да түшүнөт элем го, өмүр бойу өзүн-өзү кыйнап жашагандан эмне тапты?" деп жүрөгү сыйрыла ойлонуп отура берди.

- Ата, үйдөсүзбү? - деп Айна кирип жанына отура кетти. - Ата, апам күндөгүдөн аябай жакшы. Сейилдетип келип тамагын берип анан келдим. - Айна атасын кубанычтуу кучактап эркелеп кетти. - Апам жакшы болуп калат экен ээ ата, сиз бүгүн барган жоксуз го?

- Жумуш, кызым, кол бошобой калды.

- Мейли, Эдил экөөбүз жанында отуруп анан келдик.

- Ошент кызым, апаң жакшы болуп кетсе баары ойдогудай болот. Нурдин ойлуу оор улутунуп алды: "Неге, неге мындай бекем аялдар жаралат, өзүнө оору тилеп? 'Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат' деп илгеркилер туура айтышкан да" деп үшкүрө ордунан турду. - Эртең менен өзүм барам кызым, сен окууңа бара бер.

- Ийи, - деп койду Айна.

Ал дагы азыр өзүнүн тагдырын ойлонуп газга тамак жасап жатып: "Муратты капа кылып койдум, көңүлү калды го, апам минтип ооруп жатса мен жигит менен көңүл ачып жүрмөк белем, күтсө күтсүн, күтпөсө өзү билсин, мен апам жакшы болмойунча эч ким менен жолугушпайм. Мурат болбосо пешенеме дагы бирөө тургандыр, ата-энем турганда кор болбойм" деп жатып бакырып ийип газдын үстүндөгү чайнек кыйшайып кайнак суу төгүлүп бутуна жабылып күйүп калды. Анын үнүнөн чоочуган Эдил менен Нурдин чыгып келип ыйлап отурган Айнанын жанына отура калып аны тургузуп отургучка алпарып дары сүйкөп жатышты:

- Олда кызым ай, этиет кылбайт белең, доктурга алып барбаса болбойт го?

- Жок ата, барбайм, дары апкелип берсеңиз үйдөн эле сыйпап айыктырып алам. - Айна көз жашын сызылта сүйлөп жатты. - Апама баралбай каламбы, ал эмне болот? - деп буркурап ыйлап жатты. - Эми кичине жакшы болуп калганда менин күйүп калганымды укса кайра ооруп калсачы, ата?

- Кудай сактасын кызым, кабатыр болбочу кызым, карачы апаңды ойлоно берип кайнак сууну төгүп алдың, - деп Нурдин кызынын саамайынан сылап башынан жыттап ойлуу, - Саамай келип жатабы? - деди.

- Закир ооруп жатыптыр, 'суук тийген' дептир врач.

- Жаман болуптур, баласы жакшы болуп кетсин, - деп Нурдин унчукпай калды.

- Эртең апамды өзүм карайм, эжеңдин буту айыкканча мен барып турам, - деди Эдил.

- Ошент уулум, эжеңдин бутунун күйүп калганын айтпайсыңбы?

Үчөө көпкө чейин отурушту. Үйдүн куту аял экенин Нурдин азыр сезди. Тоту үйдө жүргөндө ар кимиси өз иши менен алек болуп тамак даяр, кийимдери таза жуулуп, балдарына өзүнчө мээрим төгө, күйөөсүнө өзүнчө мамиле жасап баарын жайгарып турчу, аялдын өзүнчө бир касиети бар экени көрүнүп каңырыгы түтөп алды: "Өткөн нерсе үчүн капаланбайын, мага келгенден бери жаман кылыгын көрбөдүм, кашымда сүйкүмдүү жылмайып кеңешчим болгондон башка айыбы болбосо баштагысын эстетип эмне кылам, эми анын амандыгы гана керек" деп ойлоду да эс алууга жатып калды.

Ошондон көп өтпөй эле Тотуну чыгарып келишти, анын абалы өтө эле оор, төшөккө жатып калды, өзү эптеп кирип-чыгып өзүн жакшы сезүүгө аракеттенип турат. Айнанын бутунун жарааты айыкканча сабагына да баралбай справка тапшырып койду. Алардын ал-абалын көрүп туруп Саамай чыдабай келип жардам берип жатты. Закир жакшы болуп калган, эч нерсени эстебегенге аракет кылып Тоту небересин жанынан чыгарбай эрмектеп отура берчү болду. Саамай экөө көз караштары, дили менен гана бири-бири менен сүйлөшкөндөй түшүнүп жүрө берди. Ал жүргөндө Талант дагы келип калып жүрдү. Нурдин аларды сыйлап бир тууган адамдардай жуурулушуп кетишти. Ортодо бир жакындык бар экенин Эдил менен Айнадан башкасы сезип эле турат, бирок эч кимиси сыртына чыгаралбай: "Эмнеге?" деген суроо айрыкча Таланттын көңүлүнөн кетпей туруп алды. Убакыт өтө берди, аңгыча Саамай кош бойлуу болуп күйөөсүнүн кубанычы койнуна батпай калды. Тоту үйдө Саамай экөө калганда эчен ирээт ага чындыкты айтууга оозун таптап барып токтоп калат: "Эмне дейт, 'ушунча убакыттан бери неге айтпадың, эми мага эч кимдин кереги жок' деп койсочу, анда зорго турган жүрөгүм жарылып кетет го" деп унчукпай калат.

Айна буту айыгып сабагына барганда Мурат аны күтүп зарыкканын айтып түгөтө албай жатты.

- Айна, сени көрбөй кандай абалда калганымды сен билесиңби, неге келбей жүрдүң?

- Мурат, апамды карап жаттым, ишенсең азыр мен сүйүү эмес апамды гана ойлоп калдым, эң башкысы ата-энем, бир тууганым, андан кийин жашоо турмуш, үйбүлө экинчи орунда мен үчүн.

- Сени түшүнүп эле турам, жок дегенде күнүнө бир жолу жолугуп туралычы, деги менин келечек кайненем жакшыбы? - Мурат Айнанын колун кармалай сүйлөдү. - Ата-энем үйлөн деп жанымды койбой жатат, Айна…

- Анда үйлөн.

- Сен мени шакаба кыласың кайра, мен сага үйлөнөм билсең, сени күтүп жатам!

- Менин азыр күйөөгө тийгидей убактым жок, ата-энең үйлөн деген соң үйлөн!

Айна колун силкип басып кетээрде Мурат аны колунан бекем кармап алды:

- Эгер жакшы жооп бербесең алып качам!

- Эмнеге? - Айна Муратты таңгала күлкүсү келип карап туруп калды. - "Ала качам" дейсиңби?

- Ооба, ала качып кетем, сен мага бүгүн, азыр жооп бересиң, болбосо айтпай алып кете берем!

- Эсиңе келчи Мурат, сен ала качып кетсең эле мен отуруп калат бекемин?

- Отурасың, сопсонун отурасың, алтыным! Анткени сен деле мени сүйөсүң, ошондуктан мен ишенем сага, кана качан үйлөнөбүз? - Мурат кызды ээгинен өйдө кылып жүзүнөн сүйө көздөрүнө тике карады. - Биз бактылуу болобуз жаным, апам жакшы болуп кетет, биздин төрүбүзгө отуруп сыйыбызды көрүшөт.

- Мура-ат, бир аз койо турчу ээ? - Айна наздана эркелеп жигиттин төшүнө башын жөлөдү. - Апам абдан жакшы болуп кетсин, анан үйлөнөлү. Эгер мени сүйсөң, күт.

- Болду жаным, бүгүндөн баштап эки жума күтөм, анан дагы болбосоң чаңыртып туруп ала качып кетем, макулбу?

- Ооба, мен макулмун! - Айна жылмая карап көзүн жалжылдата туруп калды. - Мени түшүнгөнүңө ыраазымын Мурат, аябай ыраазымын!

- Мен сени жүрөгүм менен сүйөм жаным, сенсиз мага баары супсак, көңүлсүз болуп көрүнө берет, а сен барда дүйнө сулуу! - деп Мурат үнүн катуулата сахнада роль аткарып жаткандай айланасын суктана карап, эки колун жая. - Айланам кооз, көңүлүм шат, жаман нерсе да жакшы көрүнөт!

- Мен деле сүйөм сени, бирок аргам жок, апамдын ооруганы баарыбызды ойлонтуп жатпайбы. Сенин жаныңда болууну каалаган менен аргасызмын, - Айнанын дароо көзүнө жаш тегерене түштү.

Мурат аны ийинден ала сөөмөйү менен көзүнүн жашын сүртө колтуктай басты. Ал күнү Айна каршылык кылбаган соң аны үйүнө жеткирип келди. Жете бергенде Айна:

- Мурат, сен эми бар, үйдөн бирөө чыга калбасын, - деди.

- Болуптур анда, мен барайын, ылайым көзүңдө жаш кургап, жүзүңдөн күлкү жайнап турса экен жаным, ылайым апам сакайып кетсин, кош көрүшкөнчө! - Мурат кыздын колун кыса кармап коштошту да жөнөдү.

Айна жүгүрүп үйгө кирип келсе Тоту Закирди ойнотуп күлүп отуруптур. Жетип бетинен өөп:

- Апаке, кандай акыбалың? - деди жайдары.

- Жакшымын, балам мурдагыдан абдан эле дурус болуп калдым, мага кубаныч да, кайгы да жакпай калды…

- Муңайбачы апаке, сиздин биздин маңдайыбызда ушинти-ип эле отурганыңыз бакыт, алтын апакем! - деп Айна апасын мойнунан кучактап өпкүлөп эркелеп жатты.

- Секелегим десе, бала эле бойдонсуң дале, - деп Тоту кагаздай жукарган апаппак жүзүн кызына буруп жылмайган болду. - Сени күйөөгө берсем, небере көрүп, куда-кудагыйдын сыйын көрсөм болот эле…

- Койчу апа, буйурса күйөө балалуу болосуз, андан көрө өзүңүз сакайсаңызчы.

- Ким билет садагам, Эдил экөөңөрдүн үй-жай күтүп адам болгонуңарды көрбөй каламбы деп ойлосом жаным жай албайт.

Муңканып кетти. Ушул кезде Саамай кирди, ал дагы келип Тотуну бетинен өөп учурашты.

- Денсоолугуңуз кандай, жылыш барбы, эжеке?

- Кудайга шүгүр кызым, Закир экөөбүз кечке ойнодук.

Тоту күлгөн болду, бирок сумсайыңкы жүзүнөн муң кайгынын жышааны сезилип көөдөнүнөн күйгөн армандын буусу буркурай шуу этип үшкүрүп жеңилдегенсип алды.

- Жакшы болуп кетсеңиз экен, Айнаны күйөөгө берсек, Эдилди үйлөнтсөк баары өз орду менен болуп көөнүңүз жайланып калат эле…

- Ошентсе кана, жүрөгүм туйлап чыгып кете тургансып ээленип турат, жан кейиткен оорудан көрө кара жерди жазданып тынч жатканым жакшыбы дейм да-а…

- Койсоңузчу апаке, мындай сөздү сүйлөбөңүзчү, минте берсең мен өзүмдү өлтүрүп алам. Сенсиз биз кантебиз, энесиз өткөн өмүр курусун! - деп Айна ыйлап жиберди.

- Эмне дейсиң каралдым. Андай дей көрбө, силер үчүн ушул оору жармашып отурат, бала деп өзүмдүн ооруп калганымды билбей калдым. Өмүр бойу мите курттай жеген санаа мени кесел кылды, менин эле өлгүм келип атат дейсиңби садага, кокус болуп кетемби дегеним да, - деп Тоту өзүн кучактап алып соолуктап жаткан кызын өөп, анан: - Чарчадым кызым жаздык койуп берчи, бир аз эс алайын, - деди.

- Эс алыңыз, көп сүйлөп кейигениңиз болбойт, тынч жатыңызчы, - деп Саамай илбериңки тура калып Тотунун башына эки жаздыкты катар койуп, төшөктү калың төшөп колтуктап жаткырды.

Айна Тотунун жанына жатып алып ыйлай берди. Аларды карап турган Саамай эне-баланын ушул турушуна суктанып: "Мен да бир жолу өз энемдин бооруна башымды катып мүнөткө жылуу мээримине бөлөнсөм, жытын искеп, моокумум кангыча сүйлөшсөм кана?! Жок-жок, , андай болбой калды го, жакын туруп арабыз жете алгыстай алыс, дүйнө жүзүнүн эки четинде тургандайбыз" деп телмирип калганда Талант менен Нурдин келип калды.

- Оо, биздин айылдын көңүлү кандай экен? - деп Нурдин жайдарылана келип аялын өөп отура кетти.

- Жакшысыңарбы, денсоолук түзүкпү, аяш? - деп Талант сылык гана баш ийкеп койду.

Тотунун жүрөгү зырп эте булкуп алды: "Оо кудай бул эмне деген шермедечилигиң?! Өзүмдөн чыккан кызымдын күйөөсүн 'аяш' дедиртип чыдап жашаганым курусунчу, кандай гана арман?!" деп көзүн жумуп жатып калды.

Алар чогулганда Тоту тамагын алдыга койду. Унчукпай отуруп тамактанышты.

- Саамай экөөбүздүн нике тойубузду өткөрмөкпүз, сиз дагы барыңыз, төргө отуруп сый көрүп кетиңиз, - деп Талант Тотуга карады. - Убакытты созбой үйлөнбөсөк болбойт.

- Барат Таке, барбай анан, Тотум тоту куштай болуп силердин тойуңарда отурбаса болобу. Саамай өз кызыбыздай болуп калды, керек болсо биз ата-энеси катары сый көрүп, колдон келгенин жасайбыз, - деп Нурдин Тотуга карады. - Туурабы, Тоту?

- Мм.. - деп Тоту башын көтөрө калып Нурдинди жылмайган жүзү кубара түшүп муң толгон көзү менен карады. - Туура, өз кызыбыздай болбой анан, барам сөзсүз.

- Мына, жакшы сөз болду, - деп Нурдин кубанып алды, - Саамайыма белек алып алганга үлгүрөлү, биз элден мурун барышыбыз керек.

- Оой рахмат Нуке, тиги Апиз досту кечээ айтсам баралбайм дейт, - деп Талант нааразы боло Нурдинди карады. - Баягыда силер менен кетип калганга капа болгон го?

- Ошондой болсо керек…

- Эмесе биз кайталы, үйдө балам жалгыз калды эле, - деп Талант ордунан турду.

- Саамай, Закирди тим эле кой кызым, мен ал жок зеригип кетем, эрмек болот экен жалгыз калганда.

- Мейли калса кала берсин, өзү дагы сизге көнүп калды, - деп Саамай күлө Талантты карады.

- Тим кой жүрө берсин, - деп Талант дагы макул болду. - Жакшы жаткыла.

- Жакшы баргыла, - деп Тоту аларды узата карап калды.

Нурдин аларды узатып чыгып кайра кирди. Көпкө чейин үнсүз отуруп, Айна төшөк салып берди эле жатып калышты. Айна түнү менен ойлонуп чыкты: "Апамдын абалы оор, айыгып кетсе болот эле. Мен кетсем апам кантет, убагында тамагын иче албай кыйналат да, атам менен Эдил дагы жүдөп калышат, эмне кылышым керек, Мурат баары бир ала качып алат, апам минтип ооруп турса свадьба өткөрө албайбыз го. Ал кыйналып жатса мен тойдо жыргап отура аламбы?" деп ыйлап да алды.

Саамайдын жүрөгү элеп-желеп болуп кубанычтуу кирип келди:

- Эжеке, Талант мени Бакыт Үйүнө алып бармак болуп жатат, мен бактылуумун!

- Кут кылсын, кызым. Башыңа бакыт кушу консун! - деп Тоту аны эки бетинен өптү.

- Рахмат!

- Эчтеке эмес. Баса, Нурдин силерге белек кылам деп гарнитур алып келди, көрчү!

- Кана?! - деп кубанычтуу жүзү албырган Саамай Тотуну карап сурады.

- Сыртта турат, үстүн жаап койгондой болду. Азыр машина алып келип алып барат го?

Сыртка чыгып кайра келген Саамай Тотуну бекем кучактап эки бетинен өөп алды да кучактаган бойдон көпкө турду:

- Оорубаңызчы эже, оорубай жүрүңүз ээ, сиз оорусаңыз мен да ооруп калчу болдум…

- Каралдым-м… - деп Тоту өңгөчүн тарта, оор дем алып алды. - Сен оорудум дей көрбө!

- Эжекебайым менин, бир боорум…

Ал экөө кучакташып турганда Нурдин кирди да: "Бул экөө бири-бирин билип калышканбы, балким Тоту өзү айткандыр, мейли ачыкка чыкканы жакшы" деп тамагын кыра аларга жакындады:

- Оо силерге жолтоо болбодумбу, кемпир?

- Жо-ок, эмнеге жолтоо болмок элең. Кызым свадьбам болот деп кубанып келген экен, бир боор болуп кубанычыбызды бөлүшүп жатабыз, - деп Тоту Саамай аны койо бергенде күлүп калды.

- Жакшы болду, Саамайга биздин белек жагаар бекен, көргөзөлү жүрү, - деп Нурдин аны колтуктай сыртка жөнөгөндө Тоту:

- Саамайга жакты, сен келелекте эле айтып койгонмун, ошого ыраазы болуп экөөбүз эне-баладай кучакташып турабыз да?

- Оо анда мен кубанычтуумун, эгер Саамайга жакса, Талантка да жагаар.

- Сиздерге ыраазымын, кечээ жакында азып-тозуп жолдо темселеп жүргөн бир бечараны минтип кадырлуу кыздай күйөөгө узатып жатасыздар!!!

Тоту жүрөгүнө канжар малып алгандай зырп эте Нурдинге карады, ал сөздү башкага бура калды:

- Саамайды көргөндө эле мага жагып калган. Ошондуктан сени биз өздөй узатабыз, кызым, - дегенде Саамай Нурдинди кучактап калды:

- Ыраазымын аке, сиздерге эки дүйнөдө ыраазымын!

- Эми үйгө кир, Тоту үйдөн чыга албагандыктан Айна экөөбүз эң кымбат, эң сонун көйнөк сатып келип койдук, ошол жакса азыр кийип алгын.

Нурдин барбалаңдап алып келген көйнөктү баштыктан чыгарып, мына көрдүңбү? - дегенде Саамай менен Тоту бири-бирин карап:

- Оо-ой, тим эле сонун го? - деп жарыша үн чыгарып ийишти.

Ушул саам катар турган экөөнү карап турган Нурдин: "Экөө ушунчалык окшош тура, кантип байкабадым, мурун жакшы байкабай эле түспөлдөш экен деп койчу элем" деп ойлоп калганда Саамай ага жетип келип:

- Мен сиздерге бир сөз айткым келип турат, сиздер туура көрсөңүздөр? - деди.

- Айта гой кызым, айта бер.

- Мен ушул жашка келип жашоонун жыргалчылыгынан үмүт үзүп калганымда сиздерге жолугуп өмүрү көрбөгөн ата-энем табылгандай мээримге туш болдум, эч кимден көрбөгөн ызаат-сыйды көрдүм, эч качан кулагым укпаган жылуу сөздү уктум, - Саамайдын көз чанагына жаш толуп ирмесе төгүлчүдөй мелт-калт болуп турду, анын ар бир сөзү Тотуга бычак болуп сайылып жатты. - Эгер макул десеңиздер сиздерди ата-апа десем болобу?! - деп экөөнө жал-жал карады. Жүрөгү сезип, баарын билген менен Нурдинден тартынып ушул жолду тандап алган эле. - Ырас, жаштыгымдан аргасыз өзүмдөн улуу адамга баш байлап алдым, бирок өкүнбөйм деле, тагдыр мага ушуну буйруп жатса көнбөскө чарам барбы?!

Нурдин Тотуну карады: "Балакет болуп жүрөгү кармап калбаса экен, эмне дейт эми? Балким эч нерсе билбейби же катты окуду бекен? Жо-ок, катты Тоту салып койгондон кийин бул аны окууга үлгүргөн эмес болуш керек, кетип калбады беле" деп ойлонуп калганда Тотунун үнү дирилдей өзүн карап:

- Эмне демекпиз кызым, Нурдин экөөбүздүн ансыз деле эки балабыз эле бар, эки кыз болуп калат, каршы эмеспиз, ээ атасы? - дегенде көз жашы төгүлүп кетти.

- Ооба-ооба, апасы, мен эмнеге каршы болмок элем, Айнама эже болгонуңа биз кубанабыз. Өзүң каалагандай болсун! - деп Нурдин шашып калды.

- Ата-апа! - деп Саамай экөөнү тең кучагын жая кучактап эчкирип жатты.

- Каралдым кызым…

- Кызым, - дешип үчөө кучакташып турганда Айна кирип келатып делдейе туруп калды: "Буларга эмне болгон, эмнеге кучакташып ыйлап жатышат?" деп ойлоп эмелеги өзүнүн ата-энесине айта турган кубанычтуу сөзүн эсинен чыгара босогодо тура берди.

Аны байкаган Тоту:

- Кызым келе гой, эмнеге туруп калдың, Саамай эжең турмушка чыгып жатат! - деди эле үчөө бөлүнүп Айнага карап калышты.

- Апа, мен таңгалып жатпайынбы? - Айна күлө аларга басып келди.

- Айна, Саамайды бүгүндөн баштап бир тууган эжеңдей кабыл аласың, биз ата-энеси болобуз! - деп Нурдин ага атайын ошентти.

- Кызык ата, ансыз деле Саамай эжемди эже деп жүрөм го? - Айна үчөөнө алмак-салмак карап күлүп калды, - силерсиз деле ал менин эжем!

- Садага болойун десе, ошент кызым, - деп Тоту кызын кучактай жүзүнөн өбө кулагына шыбырап койду, - өзүң жигитиң менен качан тааныштырасың, кызым?

- Апа-а! - Айна эркелеп алды. - Аны сөзсүз жакында көрөсүңөр!

Ал дагы апасына шыбырай жылмайды. Ошентип өздөрүнчө кубанышып, бир үйбүлөдөй көңүлдөрү куунак чай ичип отурушту. Айна өзүнөн-өзү толкунданып, ата-энесине алмак-салмак карап жылмая чай ууртап койуп ойлоно берди, анткени Мурат ага: "Айна, эртең сени алып кетейин, ата-энем камынып алды" деген эле. Кыз каадасыбы же апасынын: "Күйөө баламды көрсөм болот эле" дегенине боору оорудубу, Муратка макулдугун билдиргендей кучагына бойун таштап үнсүз көзүнүн жашын агызды, анткени ал апасынын алсыз жүзүн көрүп жүрөгү эзиле: "Алтын апакем ай, аман-эсен сакайып кетсең экен, мен сенин кубанычың үчүн күйөөгө тием. Өзүм сүйгөн адамга баш кошом апа, сен кубанып ооруңдун кайда кеткенин билбей калсаң эле болду, алсыз абалыңды көргүм келбейт, апакем" деп жигиттин көкүрөгүндө жөлөнүп туруп ойлонуп жатты. Анан ордунан туруп бөлмөсүнө кирди: "Эмне, күйөөгө тием деп айтамбы? Айтпай эле койойунчу, кантип айтам, а кокус айтпай койсом апамдын жүрөгү кайрадан кармап калсачы?" деп эмне кылаарын билбей жатты.

Бул кезде Талант машина жасап келип аларды шаштырып жатты:

- Саамай, адегенде өчпөс оттун жанына барып сыйыналы, анан ЗАГСка баралы. Болгула, түштөн кийин конокторду үйдөн тосушубуз керек!

- Болуптур. Саамай, сен кирип кийинип чык, кызым, - деп Нурдин Саамайды карады.

- Болуптур, азыр чыгам, - деп Саамай ички бөлмөгө кирип көйнөктү кийип чыкканда Айна алдынан чыга калып:

- Ай-ий Саамай эже, мынчалык сулуусуз, тим эле жарашып калыптыр! - деп кучактап өөп калды.

Саамайды баары кучактап өөп куттуктап жатышты. Чогуу чыгып машинага түшүп жатканда Айна аларды карай күлө:

- Мен дагы барсам болобу? - деп сурап калды.

- Эмнеге болбосун, жүрү биз менен, Саамай эжеңди колтуктап сүрөткө түшөсүң, - деп Талант аны чын дили менен айтты.

- Жүрү бара бер, менин сиңдим жанымда жүргөнү кандай жакшы, - деп Саамай аны түшө калып колдон алды. - Менин супсулуу сиңдимдин тойумда бирге болушуна ким каршы болмок эле?

Күлүп, жайнап өзгөчө бактылуу болуп турган Саамай кызды ой бойуна койбой тартып жөнөгөндө, Тоту:

- Саамай, Закир уктап жатпайбы, ботом баланы карашы керек, - деди эле ошондо гана эсине келгендей Саамай токтой калып аларды карап ойлуу туруп калганда Талант анын жанына келип күлүп:

- Самай, Закирди алып алалы, жүрө берет да, - деди.

Баары ага макул болгондо Айна кирип баланы ойготуп кийинтип алып чыкты. Ал баладай болуп сүйлөбөйт, же бейбаштыгы жок өзүнчө жүрө берчү, азыр да болпойуп Тотунун алдында отуруп келе берди. Өчпөс Отко барып сүрөткө түшүшүп, сыйынып, андан кийин ЗАГСка катталып үйгө келишти. Тойго чакырылган коноктор келип той шаңдуу башталды. Бул тойдо Тоту баштагысынан жакшы отурду. Көңүлү жайланып: "Ушунуңа шүгүр, жараткан. Тун кызымдын жакшылыгын көрүп отурам. Көрбөй каламбы деген ички арманым жуулуп, неберемдин жүзүнөн сүйүп жетелеп жүргөнүмө шүгүр" деп маңдайы жарыла сүйүнүп жатты.

Чакырылган коноктордун ичинде келбейт деген Апиз отурду, ал бул жолу жалгыз, мурдагысындай бапылдабай чекесин ушалап койуп бир Саамайды карап, чындыкты билгиси келип жатты. Эгер Саамай өзүнүн кызы экенин анык билсе ушул жерден бир үйдүн ачкычын берүүгө атайын даярданып келген эле. Гүлбү уруш чыгара берип, күндө кулагын жегенинен үйүнөн чыгып кеткен болчу. Талант анын тойго келгенине ичинен ыраазы болуп турду. Нурдин аны көрүп бир ачуусу келди да, кайра аны менен жакшылап сүйлөшмөк болду.

Эл шатыра-шатман ырдап жатканда ал акырын Апизди сыртка ымдап чакырып алды. Экөө эшикке чыгып саламдашкандан кийин Нурдин:

- Апиз, биз сүйлөшүп алышыбыз керек, - деди.

- Эмнени сүйлөшөбүз? - Апиз негедир жүрөгү бир нерсени сезгендей солк эте карады.

- Тоту экөөңөрдүн мамилеңерди уккам, аны мага Гүлбү айткан.

- Ал сага кайдан жолугуп жүрөт?

- Жумушума барыптыр.

- Акмак, ушул аялдан тажадым! - деп Апиздин ачуусу келе Нурдин менен сүйлөшкүсү келбей. - Эмне дегиң келип турат, ал өткөн да, - деди жерди карай.

- А сен андан кызың бар экенин билесиңби? - Нурдин аны сынай карады.

- Жок! - деп Апиз тескери карады.

- Анда-а билип ал, ал кызың Саамай!

- Эмне-е? - деп Апиз көздөрүн чакырайта Нурдинди карап калды, - Саамайбы?

- Ооба. Бирок досум, Тотунун жүрөгү оорукчан, ал билбеш керек!

- Ой шумду-ук, мынабу Талантка тийип жаткан Саамай Тоту төрөгөн кыз бекен? - деп Апиз мурдатан шекшип, дилинде сезип туйуп турса да тактап билгиси келгендей сурады.

- Ооба, Апиз. Саамай буга чейин абдан эле кыйналган экен, эми ага сен, мен болуп жардам берип, бактылуу болушуна тилектештигибизди билдирип көтөрмөлөп турушубуз керек!

- Туура-туура, Нурдин, туура айтасың, сага ыраазымын! - деп Апиз Нурдинге жакын келип ийинден алды. - Сенин айкөлдүгүңдү билем, ыраазымын сага. Андан көрө… - деп Апиз кайсалактай эки жагын каранып алды да, - Нуке, мен баарын түшүндүм, эми менин сага айтаар сөзүм бар. Гүлбү бул жерге келип калышы мүмкүн, ошондуктан… - деп чөнтөгүнөн ачкыч алып чыкты да ага сунду. - Ушуну өзүңдүн атыңдан Талантбек менен Саамайга белек кылып кой, үстүртөн жардам берип турайын…

- Жок, Апиз, өз колуң менен тапшырганың жакшы. Сөз беребиз, анан досуңа берген белек катары тапшырып кой, кандай дейсиң?

- Ырас айтасың, Талантбек аркылуу берейин, ээ? - деп Апиз кубанып кетти.

Экөө сөзгө келип жакшы сүйлөшкөнгө ичтеринен курсант боло кайра кирип орундарына отурушту. Көбүрүп-жабырып шатыра-шатман болуп жатканда Нурдин жалпы элге карап:

- Туугандар, мүмкүн болсо биздин балдарыбыздын… - деп Нурдин тамагын кыра такала калды, - досум Талант менен Саамайдын үйлөнүү тойу менен куттуктап, үйбүлөмдүн атынан беш миң сом, бир гарнитур белек кылабыз! - дегенде жалпы кол чаап жиберишти.

Тоту туруп барып экөөнү бетинен өөп куттуктады. Ар кимиси куттуктоо сөздөрүн арнап, акырында Апизге сөз берилди.

- Туугандар… - деп Апиз негедир калтырай түштү. - Урматтуу коноктор, мен ушул жерде эң жакын досум Таланттын үйлөнүү тойунда жупуну белегим - бир бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырып койууга уруксат этип койуңуздар!

Отургандар чуулдай кол чаап ордунан тура калганда Тоту жүрөгү лакылдап, отурган жеринен козголууга алы келбей тунжурап, алдындагы чыныны кармалап колу калтырап тура берди.

Дал ушул кезде эшиктен кирип келген Гүлбү отурган элди таңгалдыра колун чаап ортого келип тура калды да:

- Азамат, азамат десе, аталык милдетиңди аткарып жаткан экенсиң, жыйырма жылдык жашырынып жүргөн күнөөңдү жууп жаткансың го?! - дегенде Апиз:

- Сен кайдан келип калдың, бул жерде эмнең бар? - деп колдон ала эшикти көздөй тартты эле, ал силкип жиберди:

- Ий-ии, бир кезде Тоту экөөңөрдүн жашырынып жүрүп тапкан кызыңарды айтып койгонум жаманбы, силерге окшоп чыдай албайт экемин мен, же никесиз төрөлгөнү үчүн уялып жатасыңарбы?!

Ушул кезде Нурдин алардын жанына келди да:

- Гүлбү, өзүң жакшы эле аялсың, ушул жакшылыкта жаман сөздү айтпай сый көрсөң болот эле го. Билсең ал сен экөөбүзгө да тең бала, жакшы аял сыр жашырып, элди сыйлабасаң өзүңдү, балдарыңдын атасы Апизди сыйлап койбойсуңбу? - деди.

- Болгонун болгондой айтканды жакшы көргөн аялмын! - Гүлбү жини келе эшикти көздөй кетип жатып Апизге кайрылды:

- Эми сени желкемдин чуңкуру көрсүн, ошо никесиз төрөлгөн кызыңдын үйүнө кирип ал! - деп койуп чыгып кетти.

Апиз үнсүз бир топко туруп, анан:

- Кечириңиздер, күтүлбөстүктөр боло берет экен, - деп тердеп чекесин аарчый үнү дирилдей. - Ырас, бир кезде болгон, бирок Гүлбү жаңылышат: мен никени кыйдырып кыргызча ырымын жасаганбыз.

Ал Саамайга карады, анын сүйлөп жатканы кулагына кирбей көзү караңгылап кеткен Тоту Айнага шыбырады:

- Кызым, мени үйгө алып кет, элди дүрбөтүп жыгылып калбайын, - дегенде ал аны колтуктап чыгып кетти.

Аларды ээрчий Закир дагы артынан жөнөдү:

- Апа, апа-а, мен деле кетем!

- Жүрү, - деп Айна кайрыла калып аны колдон алды.

Апиз сөзүн уланта берди:

- Айланайын Саамай, бизди кечир кызым, биз Тоту экөөбүз бири-бирибизди абдан сүйчүбүз, ушул Гүлбүнүн айынан аргасыз бөлүнгөн элек. Кеч болсо да сенин алдыңда тоодой күнөөм үчүн кечирим сурап, сүйүүмдүн данакери болгон кызымды… - деп мукактанып, анан басып келип Талант экөөнүн маңдайына туруп, - Кел кызым!!! - деп кулачын жая көзүнөн жаш куйулуп, - Келчи кызым, таанышып койолу, - дегенде Саамай не дээрин билбей баятан бери ыйлап турган неме Талантка, андан Нурдинге жаштуу көзү менен бурулду. Алар сүйлөшүп алгандай баш ийкеп "бар" дегендей белги берди эле, Саамай буурчактаган жашын тыя албай Апиздин кучагына бой урду. - Кечир кызым, менин ардагым, мага тартуулай албай калган эркем, ушундай болуп кетээри, дал ушул мүнөттөрдө минтип таанышаарымды билбедим, кагылайын кызым! - деп солкулдап ыйлап жатты.

Эл ордуларынан тура кол чаап жиберишти:

- Жашасын сүйүү!

- Азамат Апиз!

- Куттуктайбыз!

Толкуган эл Талант колун өйдө көтөргөндө тык токтоду. Ал токтоо, ортого чыгып тамагын кыра толкундана элди карап жакасын көтөрүп оңдоду да сөз баштады:

- Туугандар, жолдоштор жана достор, мен бүгүн абдан бактылуу болуп, кош кубанычка толкуп турам. - Ал ушул учурда жанына келип туруп калган Саамайды колтугунан ала жылмая түшүп, - себеби тагдырым мени жашым кырктан ашканда ай чырайлуу Саамайга жолуктуруп, андан кийин жакшы адамдар менен тууган болуп, ата-баладай табышып отурганыма өтө кубанычтуумун!

- Азамат Талант, бактылуу болгула, ылайым көшөгөңөр көгөрүп, ак-уул, кызыл-жүз кыздуу болгула, - деп Таланттын жеңеси Гүлжамила ордунан тура калып кол чаап сүйлөп жиберди, - Саамай ак жолтой болуп бир башыңа эки кылган умай энедей аял болсун!

- Туура, бактылуу болушсун, - дешип коноктор жабыла кол чаап калды.

Андан кийин ырдап, бийлеп жатып, тээ түн жарымынан ашканда тарашты.

Саамай жүрөгү элеп-желеп боло кубанычтан жүзү албырып турду, бир кезде: "таштанды, жетим!" деген сөздөрдү угуп жүрөгү үшүгөн болсо, ушул саамда ал бактыга балкып, бирдей мезгилде белгисиз кеткен ата-энеси табылып, болуп көрбөгөндөй мээримдин кучагында толкундана коноктор кеткенден кийин Апизди уурдана карап: "Менин ата-энем сулуу адамдар тура, бири-бирин катуу сүйгөн экен. Нурдин аке жакшы киши экен, башка болсо эмне дээр эле?" деп ойлонуп жатты. Тотунун кетип калганына түшүндү. Таарынган жок. Чогуу отурганда Нурдин:

- Саамай, кагылайын кызым, тагдырдын бизди жолуктуруп койгонун кара, болбосо мен сени кайдан билмек элем. - Ойлуу отуруп отургандарга кыдырата карады. - Апиз, Талант болуп бир кезде эч нерсени баштан өткөрө элек ойноо балдар элек, эми минтип бири-бирибизден ажырагыс болуп калдык, - деп Талантты карады. - Эми Талант, сен биздин күйөө балабыз болуп калдың, Саамайды куштай кылып багып ал!

- Ооба-ооба, Нуке, Саамайды колума көтөрүп багып алам! - деп ал күлө карады. - Силер менен бир туугандай табакташ болуп калганыма кубанып, толкунданып турам.

- Кызым, - деди Апиз. - Сенин бойго жетип минтип экөө болуп кубантып турганыңа миң мертебе кудайга ыракмат. Ойлоп жүрсөм да жашоонун түйшүгү, үйбүлөнүн машакаты, жумушумдун жоопкерчилиги издеп табууга мүмкүнчүлүк бербеди, дагы ушуга шүгүр, минтип жүз көрүшүп отурабыз, жаратканга ыраазымын!

- Ой Апиз, - деди Нурдин тамашалай, - "экөө" дейсиң. Азыр Саамай экөө эмес үчөө, неберең бар!

- Койчу?!

- Койбой эле, сенден неберең үчүн чоң көрүндүк алышыбыз керек!

- Берейин дос, берейин… - деп Апиз кайсактай күлүп калды. - Ал кайда, менин неберем кайда?

- Ал чоң энесинен калбайт, Тоту ооруп калбайын деп кетип калды окшойт, анын абалы оор. Апиз дос, мен деле жаман күйөө эмесмин, анан эмнеге жүрөгү ооруйт десем өмүр бойу эле сени ойлоп жүрүп ооруп жаткан тура! - Нурдин Апизге карап кызаңдай кызганып турганын билгизбей, жыйырма жылдай бирге жашаган аялынын жүрөгүндө башка бирөө жашап жүргөнүнө ызалангандай сүйлөп жатты. - Саамайды көргөндөн бери андан бетер жаман болуп жүргөн, эч нерсени билген эмесмин, - деп төш чөнтөгүнөн саргайган кагазды алып чыкканда, Саамай:

- Кайдан алдыңыз аны? - деп ийди.

- Сен муну окудуң беле? - Нурдин ага суроолуу карады.

- Ооба, аны Чоң-Арыктагы үйдөн тапкам, - деп Саамай жер карап жооп берди.

- Мен.. мен сени билбейт экен деп жүрсө…

- Билгенде эмне кыла алмак элем, ата, кантип айта алмакмын? Анын үстүнө апамдын жүрөк оорулуу экенин көргөндөн кийин кетип калгам…

- Акылы жогум десе, андан көрө унчукпай жүрө берсең болбойт беле?!

- Кантип? - Жүзү ылдый жаш куйулуп жатты.

- Кана эмесе бата кылалы да, мага неберемди көрсөткүлөчү, - деп Апиз аларды күлө карады. - Чаяндай чаганак аялым болсо үйгө мени киргизбейт эми, эртең силерди алып барып үйдү көрсөтөйүн, ансыз дагы ушул аялымдын ажаандыгына чыдап тапканымды сарп кылып келдим. Небереме машина берем!

- Ой аз-зама-ат десе, баардык күнөөңдү жуумак болдуң, мен барып Закирди алып келе калайын анда? - деп Нурдин досун тамашалай күлүп калды.

- Бол, бол дос, алсаң алып келе кой, - деп Апиз шашып калды эле баары күлүп калды.

Нурдин машинасы менен барып Закирди алып келе калды. Апиз кубана аны колуна көтөрүп алып миң сом карматып жатканда:

- Эркексиң досум, чыны аялың жайсыз болуп калган экен, - деп Нурдин ага ыраазылыгын билдире далыга таптады. - Башка неберелериң барбы?

- Үчүнчү уулумду үйлөнтпөдүмбү, улуу балдарым үчтөн балалуу болуп калды.

- Анда сен Талант экөөбүздөн озуп кеткенсиң го?

- Менде да небере бар Нуке, жалгыз кызымдын уулу менде, айылда үч баласы калды.

- Ырас эле, сен бизден мурун үйлөнбөдүң беле? - деп Нурдин күлүп калды.

Жашоонун оош-кыйышы бирде жакшы, бирде жаман жагына ооп туруп, адам баласын бирде ыйлатып, бирде күлдүрүп өмүр улана берет тура. Өмүрдө өкүнүч менен кайгынын даамын татпаган адам пендеси жоктур. Анын сыңары кечээ эле көз жашын көлдөтө, жүрөгү канап: "Деги менин ата-энем барбы, болсо ким, кайда, мени неге таштап кетишти, ушундан көрө жаралбай койсом эмне?!" деп боздоп жүргөн Саамай азыркы мүнөттөрдө бактынын канатында каалгып, кубанычы койнуна батпай ырысына тунуп турду. Азыр ал кечээ гана табышкан атасына ыраазы, Нурдиндин кең пейилдигине таң берип, болгон өкүнүчү апасы Тотунун жүрөк ооруусуна кабатыр болуп жатты…

Айна апасын алып үйгө келгенден кийин дары берди. Закир экөө тамактанышты. Тотуга кайнатма ичирип анан телевизор көрүп отуруп ойлонуп жатты. Тоту бул жолу анчалык кыйналган жок, ал азыр кубанып, көңүлү тына түштү, анткени өзүнүн Саамайы атасынан чоң белек алып жатпайбы. Кеч болсо да ата-энесин таанып, жетимдиктен кутулуп, улуу болсо да жакшы адамга туш болгону эненин санаасын тындырып, өзүнчө эс ала түштү. Ойлонуп жаздыкты бийик койуп алып жатканда Айна жанына келди:

- Апа, эс алып калдыңызбы?

- Ооба кызым, жакшы элемин.

- Апа, бир нерсе сурайынбы?

- Сурай гой садага, сурай бер, эмнени сурагың келди эле?

- Мен сизден Саамай эже жөнүндө сурайын дегем, ушунун баары чынбы, апа?

- Өх, - деп Тоту терең дем алып үшкүрүп алды. - Чындыкты билгиң келсе баары туура кызым, ошондой болгон…

- Сиз атамды сүйгөн жок белеңиз?

- Бул эмне деген сурооң, кызым? - деп Тоту мелтирей туруп калды, бул секелегине эмне демекчи, же "никесиз төрөгөм" дейби? Жок, аны бул түшүнө алмак эмес: "Баса Саамайым никесиз эмес да, Апиз молдо алып келип нике кыйдырбады беле" деген ой башына келгенде кабагы ачылып калды.

- Атам экөөңөр сүйлөшпөй эле үйлөнүп алдыңар беле?

- Жо-ок кызым, тааныштарыбыз эле экөөбүздү бир жолуктуруп, анан үйлөнүп алганбыз.

- Сүйбөсөңүз деле жашап калдыңыз беле?

- Суроолоруң орунсуз болуп баратат да, кызым, сүйүүсүз эле силерди көрүп бактылуу жашап жатпайбызбы?

Айна унчукпай калды. Муратты ойлоду: "Ал эмне кылып жатат болду экен, эртең мени алып кетем десе эмне десем, ал болбой алып кетип калса кантем. Апама айтып көрсөмбү?" деп ойлонуп калганда Тоту аны жанына чакырды:

- Эмне болду, апа?

- Эч нерсе болгон жок, кызым. Сенин сүйлөшкөнүң барбы, садага?

- Апа-а, - Айна канчалык айтканы турса да уяла эркелеп койду.

- Кызым, жыйырмага чыгып калдың, мени көрүп турасың. Колубузда жок эмес, кудайга шүгүр, сени дүңгүрөтүп той берип, күйөөгө узата турган кудуретибиз бар… - деп Тоту кызынын саамайынан сылап чекесинен өөп, - Садага болойун десе, кыз энесинин сырдашы, кеңешчиси болот. Ойуңдагыны жашырба! - деди.

- Апа, - деп Айна ойундагысын айтып ушул ирээт баарын айтып жатты, ойунда бактылуу болуп Мурат менен жашап көп балалуу болгонун, апасынын төрүндө балдарын багып отурганын элестетип, - сиз менин бактылуу болгонумду көрөсүз, балдарымды багасыз, кө-өп жашайсыз, апа! - деп кыялданып Тотуну кучактап алып отурду, көз алдында Мурат…

Гүлбү үйүнө ыйлап кирди, жалгыз кызы болгондуктан апасы үйүндө болчу. Кызынын жаш баладай ыйлап киргенин көрүп зээни кейий наалып:

- Олда-а кызым ай, эмне болуп кетти? Атаң экөөбүз сени өз ойуң менен койуп бекер эле кылган экенбиз, жашың кырктан ашып үч келин алдың, дале кыял жоругуң калбады, - деди.

- Эмне, намыстантып жатса күлөйүнбү? - Гүлбү апасына ороңдоп бир тийди.

- Ким сени намысыңа тийген?

- Апиз, уктуңбу, күйөө балаң!

Гүлбү ыйлап атып болгон иштин баарын Алымканга айтып берди эле, ал көпкө тунжурап отуруп башын өйдө кылды:

- Кызым, жаштыкта эмнелер гана болбойт, жаңылбаган пенде жок. Дүйнө көмкөрүлгөн казан сымал. Анын ичинде нелер бар да нелер жок. Акылың болсо күйөөңдүн катасын кечир, жакшы адам кекчил болбой кечиримдүү болгону жакшы эмеспи?

- Кечиримдүү болом деп ал никесиз кызына үй берип жатса унчукпай кала берет белем?

- Отура бер, сен ордуңду тапкан аялсың, уул-келиндериң, төрт неберең турат, кырктагы аял токтоо болот, уяттуу болбойсуңбу, куда-кудагыйларыңа билгизбей оор басырыктуу эле болчу, күйөөң эмес өз кадырыңды сакта!

Апасынын сөзүнө Гүлбү уяла түштү. "Ырас эле кудаларым укса эмне дейт, ошончо элдин көзүнчө неге аерге бардым, Апиз менин айтканым менен болуп үстүмдү тоздурбай, көңүлүмдү оорутпай жүрөгү менен сүйбөсө да көзүмдүн агы менен айланып турса мени кудай урдубу? Аны үйдөн кууп чыкканымды алар укса эмне дешээр экен? Кой, Азиретти жиберип чакыртайын" деп ойлоп, апасын карады:

- Апа, мен чын эле акылымдан адаштым окшойт, куда-кудагый күткөндө жаш немедей кызганып аны уят кылдым, көңүлүн ооруттум. Нурдин кандай жакшы адам, аялынын никесиз төрөлгөн кызынын тойунда кабагым-кашым дебей жүргөнүн карабайсыңбы? - деди.

Алымкан кызынын сөзүн угуп:

- Эсиңе келип сен дагы Апизди кызына катыштыр, чакырып коноктогула. "Кыздын көөнү болбосо, таздын көөнү" деп ошону үчүн айткан, сен элге жеңил кеп болбогондой бол, - деди.

- Болуптур апа, Апизди үйгө чакырайын, Азирет аны таап келсин.

- Ошент балам, жалгыз сенин бактыңды ойлоп жүрүп атаң өзү тандап сени берген, "тырышчаак жакшы жигит, буйурса Гүлбүм ыйлабайт" деп калчу эле… - деп Алымкан унчукпай саамга отурду да, кайра, - Апиз жаман адам эмес, атаң экөөбүздү абдан сыйлачу, кызына эмне берем десе өз ойуна кой кызым, сен ошондон агарып-көгөрүп отурасың.

- Мейли, чын эле өзүмчүлдүгүм калбай качан болсо мен айткандай болушу керек деген ойумду бербейм.

Гүлбү ойлуу кетирген катасын ойлоп Апизди аяп кетти: "Эмнеге Нурдиндей боло албайм, аялынын кадыры деп баарына чыдап отурат", деп өзүнөн-өзү уялып турду. Тотунун зыңгырап унчукпай отурганын көз алдына келтирип алып намысына келди: "Мен неге салмактуу боло албайм, апам туура айтат, кырктан ашкан аял токтолуп калыш керек да, мен болсо дале кыял жоругум калбады, деги кызык жан экемин да" деп ал ойлонуп отуруп, Апизди таап келүү үчүн Азиретти жөнөттү.

Апиз кызматынан кете элек эле. Азирет келип катчы кыздан сурап кирип барды. Апиз уулуна таңгала карады. Экөө көпкө сүйлөшүп, анан ээрчише үйүнө келди. Алымкан кыз-күйөөсүнө акыл-насаатын айтып отурду. Акыры Гүлбү баарына көнүп, кетирген катасын түшүнүп, Апиздин ойу менен балдарына ачык айтып, Саамайды чакырып коноктошту. Апиз айтканындай эле Закирдин көрүндүгү деп өзү айдап жүргөн машинасынын ачкычын берди. Саамай менен Таланттын жанында Нурдин да болду. Тотуну Алымкан өзү чакыртып алдырып келди. Аны атайы тосуп үйгө киргизгенде төрдө отурган аппак жоолук салынган ак жумал байбиче каршысына отургузду:

- Кызым, бири кем дүйнөдө нелер гана болбойт? Жаш, сулуу кезде кимдер күйүп жанбайт? Силер күнөөлүү эмессиңер кызым, Гүлбүнү кечирип койгула! - деди салмактуу сүйлөп, - эми бири-бириңерди кечирип, курбу-курдаштардай бир дасторкондон даам сызган кыйбас адамдардан болуп, мынабу уул-кыздарга акыл-насаат айткан эне, алган жарыңардын оор-жеңилин колдон алган өмүр шерик болуп бактылуу жашагыла, балдарым!

- Рахмат эне, мен алда качан кечиргенмин, "кекти каапырга бер" дегендей, кекчил эмесмин, - деп Тоту карыга ызаат кыла сүйлөдү. - Гүлбү бактылуу келин тура, сизге окшогон Каныкей апабыздай апасы бар экен, - деп Тоту Гүлбүнү карады. - Гүлбү, жаңылбаган адам барбы, сен дагы мени кечир, анда жаш элем…

- Жок-жок, Тоту, мени кечир, ырас эле жаш кезде эмнелер болбойт? Мен Апизди анда го мейли, эми да кызганып жеңилдик кылдым, мени кечир, Тоту?!

Ошентип ал кечте бири-бирин кечиришкенден кийин Талант менен Саамайдын бактысына алакан жайып, сексен жетидеги кары эне батасын берди. Саамай Гүлбү менен кучакташып көрүшүштү, Апиз кайненесинин акылмандыгына таазим кыла ыраазы болуп турду.

Айнаны Мурат алып кетти. Нурдинге киши жөнөтүшкөн экен, үйлөнүү той өткөрүп, Айна айылдагы совхоздун директоруна келин болду. Ошого катарлаш эле арадан бир жыл өткөндө Апиздин төртүнчү уулу, кенжеси Каныбек Данагүлдү алып келип алды. Экөө жарым жылдай сүйлөшүп жүрүп үйлөнүштү. Туратбек: "Кыз акыры өз айылын табат" деген сөзгө ынанып, Бүбүгүл экөө үйлөнүү тойго келишти. Тойдо Талант менен Саамай, Нурдин менен Тоту да бар эле. Бул кезде Тоту кадимкисиндей жакшы боло албаса да, оорусу кармабай оңолуп калган.

Мына окурман, бирде ыйласаң, бирде күлөсүң, бирде кайгырсаң бир күнү кубанасың. Ошентип бул тирүүлүктө ар бир күнү миңдеген пенделеринин көз жашын, күлкүсүн өзүнө сиңирип, караңгы түнүнө ороп алып айлар жылдар өтүп адам жаңыланып кылым алмашылат, а жер, суу, тоо таш орду менен жайында, ысык күндө, кышта суукка тоңуп мезгилдер өтө берет. Ошон үчүн ар пенде тирүүлүктүн берген насибине каниет кылып тобоо деп өмүр сүрүүгө акылуубуз, эмесе пенделердин баарына жаңылышпаган аруу сүйүү, улуу махабат, чексиз бакыт, картайбас кайрат ыроолосун жараткан!

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз