Айгүл ШАРШЕН


"Өчпөгөн сезим"


- Мээрим, экөөбүз бири бирибиздин сыныбыздан өтүп бүттүк го дейм, сени менен жолугуп үйгө барсам эле ээн талаада калгандай өзүмдү жападан жалгыз адашып кеткен жолоочудай сезе берем, эмеле көрсөм кайрадан көргүм келип түнү бою уктай албай кыйнала берем, кел үйлөнүп алалычы.

- Мен дагы сенден бөлүнөөрүм менен жалгызсырай берем, - Мээрим уялыңкы жигиттин төшүнө башын жөлөдү.

- Анда кел, бүгүн эле ээрчитип кетем, апам кандай гана сүйүнөөр экен! - Кубат кубанычтуу Мээримди кучагына кысып, жүзүнөн сүйдү.

- Бүгүн элеби? - Мээрим таң калгандай Кубатты жалжылдай карады. - Азыр кеч болуп калды, - ойлуу ордунан турду, - анын үстүнө ойлонойун, мен... мен сенден мындай сунушту күткөн эмес элем, анан окуумдан да өксүп калам го?

- Мээрим, алтыным, биз абдан бактылуу болобуз, апам эптеп эле келинчек алып келип берсең неберемди жыттап эрмек кылып отура берет элем, келинчегиң экөөң окуйсуңарбы, чокуйсуңарбы, бактылуу болсоңор болду деп санааркай берет, мен апамдын жападан жалгыз баласымын да.

- Ошентсе да ойлонуш керек, жашоо деген табышмак, миң кырдуу, бир сырдуу, ачыла элек сандыктай алдыбызда эмне деген сыноо жатканын билбейбиз да, - Мээрим Кубатты сынай, азыр гана көрүп жаткансып бутунан башына чейин карап турду: "Ишенсе болор бекен, жалгыз бала болуп, каалаганын жасап көнгөн неме менин аздектеген аруу сүйүүмдүн баркына жетээр бекен?" деген көз карашты Кубат сезбеди, ушул караңгылыкта айдын жарыгы жалгыз гана экөөнө нурун чачып сүйүүлөрүнө күбө болуп тургандай, төбөдөн балбылдап турду.

- Жаным, акылдуум менин, үйлөнүп алсак экөөбүз ээрчишип сабакка бирге барабыз, бирге даярданабыз, сен эч нерседен кам санабай эле койсоң болот, бизде дүйнө деген кудайга шүгүр, баарына жетет! - Кубат Мээримдин жанына барып эки каруудан ала көздөрүнө тигилди.

- Макул, бирок бүгүн эмес, ойлонолу, сен дагы терең ойлонуп чеч, мен барайын, жеңемдер күтүп калышты. Эртең ушул жерден жолугалы ээ? - Мээрим ууртундагы эки чуңкурчасынын өзүнө көрк кошуп турганын сезгендей сүйкүмдүү жылмайды, - Макулбу?

- Болуптур, - Кубат саал таарынгандай үн катты, - сен айткандай эле болсун, сен күт десең кылым бою күтө берем, жаным, - анан ойлуу Мээримдин көздөрүнө тике карап: - мен сени сүйгөндүгүмдөн акын болуп бараткандаймын.

- Чын элеби? - Мээрим кубанычтуу шаңк этти, - кана, акын болуп баратсаң угайынчы, - кулагын төшөп тыңшап калат.

- Сен менин айым күнүм тийип турган,

Жаркылдап маңдайымда күлүп турсаң.

Сенсиз мага бул аалам капкараңгы

Бир өзүңө жүрөгүмдү тартуу кылам! - дегенде Мээрим үнсүз анын жанына келди да эки колун ийинине коюп ойлуу:

Күндүзү күнүң болуп жаркырайын

Түндөсү айың болуп нур чачайын

Сүйүүңө башымды ийип, мээримиңден

Асманга жылдыз болуп чачырайын...

Экөө тең үнсүз бир топко кучакташып тура беришти.

Атаганат жаштыктын деми, сүйүүнүн күчү оттой күйүп, деңиздей калкып эки жүрөктү бир бирине жалгаштырып турган тагдырдын табышмактуу сыры го?

Кимдер гана сүйүүгө кабылбаган, сүйүүнүн даамын татып мээримине калкыбаган, сүйүүнүн эчендеген сыноолорунан өтүп, азап-тозогуна түтүп, бороондуу бурганагына тоңбогон? Сүйүүнүн айтып бүткүс сыры, ыры-дастандары түгөнбөйт, улана берет. Бул сүйүү кылымдан кылымга адам баласынын жүрөгүнө бүлгүн салуучу сезим. Азыр бул экөө алдынан ташкындаган сел өтсө да, дүйнө жүзүн каптаган өрт чыкса да, буюктурган бороондуу бурганак келсе да баарына чыдап жетелешип өтүп кетүүгө даяр эле.

- Мээрим... - Кубат кучагындагы үлбүрөгөн назик кызды аяр бошото жүзүнө тигилди, - мени угуп жатасыңбы?


- Мм, ийи, - бошоң үн катты кыз.

- Асылым менин, түбөлүк жарым болчу, жаныңдан карыш чыкпай жамалыңдан кубат алып сүйүүңдөн эргип, түбөлүк бактымды таап бакытка магдырайын..

- Кичине койо турсак кантет, окуумду бүтүп алайын.

- Эх сүйүү-сүйүү, ушунчалык кудурети күчтүү сезимдин тузагына илинип алган соң, чалынып жыгылып же тузакты үзүп чыгып кетип кутулбаса оңой дарт эмес тура, - Кубат Мээримди кучагынан чыгара эки колун жая ары басат, - дагы канча ирет уйкусуз түндөрдү күтүү, сагынуу, эңсөө менен өткөрүп, кусалыктын кучагында жүрөт экенмин да!

- Кубат, таарынбачы мага, түшүнсөң мен сени гана сүйөм, сенсиз мага баары кызыксыз, мынабу балбылдаган айдын да, жаркырап тийип жан бүткөндүн баарына жылуулук берген күндүн да, айлананы кооздукка бөлөп ырахат тартуулаган жаратылыштын да сенсиз кооздугу сезилбейт, бир гана сен бар үчүн кооз да, сулуу да, ыйык да! - Мээрим Кубаттын артынан барып кучактайт, - сен мени туура түшүнчү, бир эки жылдан кийин деле үйлөнсөк кантет?

- Сенин мени сүйөм дегениң жалган, болбосо минтпейт элең, менден башка дагы бир жигитиң болсо керек, кыздар деген ошондой болушат, бири көңүлүнө жакпаса бирин тандап кете берет, демек мен сага жакпай калгам го?

- Койчу Кубат, антип ойлобочу, кантип эле, менин сенден башка эч кимим жок, - колун Кубаттан тартып алат, - А балким өзүң ошондой ойдо болуп жүрбө, ойдо жокту айтып көңүлүмдү ооруткандан көрө каалаганыңа үйлөнө берсең болмок. - Мээрим шарт артына бурулуп кадамын тездете басып жөнөйт.

- Мээрим, токтосоң Мээрим, мен сени сүйгөнүмдөн өтө кызгана берем, мына караңгы түндө айтып жатам, керек болсо ант берейин, сенден бөлөк кызды ойлогон да эмесмин! - Кубат Мээримдин артынан жүгүрүп жетет, - ой секелек кыз десе, мен сени кимдир бирөөдөн кызганып кетпедимби, ошон үчүн экөөбүз бирге болсок дүйнөм түгөл, көңүлүм тынч болот эле дегеним да. - Жетип колдон алды: - Таарынбачы, жаным, эртең эле, эртең эле, - күйүгө кучактайт, - макулбу, эртең эле үйлөнүп алалычы?!

- Айттым го, Кубат, ойлонойун.

- Ойлонгондо эмне, мен сени сүйөм, а сен мени сүйөсүң, убакытты өткөрбөй үйлөнүп алсак окуубузду уланта беребиз.

- Ишенбей турам, мен араң эле экинчи курстамын, окуума апаң каршы болуп калса окуумду таштап койомунбу деп корком.

- Эй жинди кыз десе, апам андайлардан эмес, "келиним окумуштуу болсо, неберелеримди карап силердин тамак-ашыңарды жасап үйдө кароолчу болуп эле отура берет элем, өзүң бир жерде кызматчы болсоң, машинага салып мени неберелерим менен шаар кыдыртып келсеңер, мен бактылуу эне, сыйлуу чоң эне болот элем" деп байкуш апам тилек кылып отурат.

- Билбейм, жүрөгүм бир нерсени сезгендей...

- Алтыным менин, эртең сөзсүз ойлонуп чечип кел, мен апамды келин алганга даярдык көрө бер дейин.

- Кубат, мени аябай кыстадың го?!

- Деги сен мени сүйөсүңбү?

- Сүйө-өөм, сүйөм, бирок турмуш куруу оюнчук эмес да..

- Сен эч коркпо, эрке келин болосуң, окууңа барып келип, сабагыңды даярдап, а мен жөн жүрбөй кечкисин иштеп акча табам.

- Макул анда, эртең сүйлөшөбүз, мен барбасам үйдө мени жоктоп жүрбөсүн.

- Болуптур, бүгүн ойлон, мен баары бир апамды даярдана бер деп айтам, эгер макул болбосоң ала качып кетем!

- Ошо кантип болсун, Куба-аат, антип айтпачы, корком! - Мээрим наздана Кубаттын колтугунда кыналып баратты. - Мен келип калдым, кош эртеңкиге чейин, жакшы бар! - Кыз колун сунуп жылмайганда анын ушул азыркы турушун сүрөткө тартчудай мелтирей карап калган Кубат ого бетер кызганып кетти. Карегин кисти кылып, кыздын эки уячасы бар нурдуу жүзүн түбөлүк сактап калчудай, кайрадан көрбөөчүдөй суктана бир демге карап тура берди. Колун сунуп турган кыз таң кала:

- Эй Кубат, сага эмне болду? Болду эми, кеч болуп кетти, үйүңө бар! - дегенде Кубат эсине келе калып уялып артына бурула берди:

- Макул, эртеңге чейин!

- Кош! - Кыз жигитинин артынан күлүмсүрөй бир топко карап турду да: "Кызык, буга эмне болду?" деген ойдо ийнин куушура үйүн көздөй бурулуп басайын дегенде:

- Чоң кыз, саламатсызбы? - деген чоочун үн аны селт эттирди. - Таанышып албайлыбы? - Чоочун караан жолун тосту.

- Сиз кимсиз, жолумду тоспоңуз, азыр кыйкырам, - кыз жүрөгү бирдемени сезгендей ичиркенип алды.

- Мен сага сыртыңдан ашык болуп жүргөн бир жигитмин, сендей сулууга кимдердин гана көзү түшпөйт.

- Тоспоңуз деп атам жолду, менин сени менен сүйлөшчү сөзүм жок! - Мээрим басып кетүүгө канчалык далалат кылса да тигил жол бербеди. Аңгыча арытан бир машина бурулуп, жандай келип токтоп, үч-төрт жигит түшө калышты да, улак өңөргөндөй кыздын кыйкырганына карабай машинага салышып, жөнөп кетти. Анын ботодой боздоп: "Жигитим бар, баары бир отурбайм, мени үйүмө алып барып койгула!" деп чырылдаганына карабай бакылдап кете беришти. "Эмнеге Кубаттын үйлөнөлү дегенине каршы болдум экен, аным айтканы менен болуп кете бербей, эми такыр тааныбаган эле бирөөгө аял боломбу?" деп ойлогондо өз оюнан коркуп кетип:

- Силер мени кайда, кимге алып баратасыңар, кана мени алчу жигитиңер? - деди аргасы кете.

- Чоң кыз, кыз жыргаар жерине ыйлап барат деп коюшат го, анын сыңары сага күйөө болчу жигит мына бу! - артында жылмайып үнсүз отурган кашы-көзү кара татынакай сулуу жигитти колу менен көрсөттү бакылдаган неме. Мээрим аны бир карап алып оозуна бирдеме сугунуп алгандай туттуга түшө: "кызык, бул татынакай жигитти эч жерден көрбөптүрмүн, бир топ эле улуу болсо керек, анан калса ушул кезге чейин үйлөнбөй жүрмөк беле, аял кетирсе керек" деген ой кыздын мээсин аралап өткөндө жинди болгон немедей бакырып алды:

- Айбанда-аар, мени эмнеге картаң кишиге алып баратасыңар, мен тийбейм мунуңарга, токтоткула азыр, өзүм кетип калам!

- Ой кыз, эмне деп жатканыңды билесиңби, бул сага картаң киши көрүнүп жатабы, кыз өбө элек жигит билсең, бир айылдын кадырман кишисинин баласы, чо-оң врач.

- Эмне болсо ошол болсун, кадырман болсо силерге, мени кызыктырбайт дагы! - Мээрим жулкунуп кирди, - койо бергиле деп атам!

- Колго түшкөн койонду койо берген оңобу дегендей, канча күндөн бери артыңдан аңдып жүрүп бүгүн колго тийсең кантип койо беребиз, көп бакырбай жөн отурсаңчы, жинге тийсең күндөп-түндөп жанагы жигитиң менен жүргөн кыз соо болмок беле, мазактап туруп талаага таштап кете беребиз.

- Ошентип эле көргүлө, түрмөдө чиритем силерди, - деп дагы бир жулкунду да, тигилердин аны койо бербесине көзү жете үндөбөй отуруп калды. Күйөө болчу жигит үн дебеди. "Эмне, дудук же акылы кемби, бир ооз сүйлөгөнгө да жарабайт да, балким өтө эле жоош болсочу?" - Мээрим өз оюнда буларды ойлоп: "эмне болсо да бара көрөөрмүн, көп эле жинине тийсем чындап шылдыңдап таштап кетип жүрбөсүн" деп ичинен кооптонуп келин болчу жерге жеткенче унчукпай бара берди.

Үч-төрт сааттай өткөндө түнкү үчтөрдө дүпүйгөн калың айылга кирип келишти. Чоң жол менен машинанын сигналын кайра-кайра ызылдатып басып келатып чоң дарбазалуу үйдүн жанына токтоп, бири түшө калып дарбазаны ачты да, машинаны эшиктин алдына сигнал берип киргизишти эле, уктабай эле кулак түрүп отурганбы, үч-төрт аял менен эркек чыга калышты.

- Келин келди, киргизгиле! - рулда үндөбөй келген орто жашаган адам аларга үн катты.

- Ий айланайын, кана, кай жагында жүрөт?! Ай Жаңыл, келгиле келиндин алдына чачылаңды чач, сен Гүлсүн жоолук-көйнөгүңдү даярда! - деп бели бүкчүңдөгөн кемпир машинаны көздөй келип эңкейип Мээримди карап, жанына келген аялдарга бежиреп кирди. - Айланып кетейин Дуулатым өзүнө окшогон супсулуу, назик кызды алып келген тура, акжолтой болсун айланайын, эми өлсөм арманым жок!

Аялдар Мээримди машинанын ичинен колтуктап жерге түшүрмөк болгондо ал колдорун кагып жиберди:

- Мен силерге келин болбойм, жигитим бар, мени зордоп ала качып келишти, үйүмө жеткирип койбосоңор силерди сотко берем, окуумдан калсам жооп бересиңер!

Эки келин аны сүйрөп түшүрүүгө даабай туруп калганда бүкчүйгөн кемпир менен бир аял табакка боорсок менен конфет көтөрүп келип чачып кирди:

- Ботом, келинди үйгө киргизгиле, болгула айланайын, - кемпир эки келинге караганда алардын бири:

- Апа, кирбейм деп атпайбы, сүйлөшпөй ала качкан тура, - деп күнөөлүүдөй туруп калды.

- Апей арамдар, кызды качан сүйлөшүп ала каччу эле, илгертен келаткан салт, жактырып калса ала качпай анан өзү келчү беле, кыз деген ошентет, кирбейм дейт. Дуулатым кыз сүйбөй турган баладан эмес, болгула алып киргиле! - кемпирдин кайраттуу үнүнөн арыта бөтөлкө бөлүп ичип жаткан жигиттердин бири бери басып келди да:

- Алигиче киргизе элексиңерби? - деп туруп эңкейе берип Мээримди кучактайын дегенде ал тээп жиберди:

- Колуңду тийгизип көр, сыйыңар менен жеткирип койбосоңор бирди көрөсүңөр!

- Болуптур, азыр сени жеткиребиз, бирок сен окуган жерге күйөөгө тийип келди деп жаман сөз тараса эмне болот, эшик аттап күйөөгө тийип чыкканыңды билсе жигитиң да сенден жаа бою качарын унутпа!

- Жалга-ан, мен күйөөгө тийген жокмун, ушакка ишенбейт, жеткиргиле дейм!

- Азыр сени жеткиребиз, бирок бир шарт менен... - тиги жигит кызды карап ойлуу туруп калганда Мээрим ага жалдырап ийди:

- Кандай шарт, айтыңызчы, мен баарына даярмын. Мен эртең менен үйдө болуп калышым керек!

- Мен өзүм жеткирем да, үйүңдөгүлөргө барып кызыңар кыз эмес экен, ушундай кызды тарбиялаганыңарга ырахмат, жакшылап кайтарбайт белеңер деп айтам.

- Эмне үчүн? - Мээримдин көздөрү жайнай түштү.

- Ошон үчүн, сен түн бироокумга чейин эркек менен соо жүрөсүңбү, эгер сен кыз бойдон болсоң отурат болчусуң, азыр коркуп уятым чыгып калат деп кетем деп жатасың, кыздар жаңылып калганда гана ошентишет.

- Ка-алп! Антип менин башымды оорутпа, мен баары бир кетем!

- Отур! - Талгат машинага отурду, - сени менен окуган кыздардын баарына айтам да, таштап келем, абдан кадыр-барктуу врач муну кыз эместигинен кайра жеткирип койду дейм, - деп машинаны от алдыра баштаганда тосо калган кемпирге көзүн кысып койду, - эмне кыласыз отурбаса, жеткирип койойун.

Мээрим үнсүз мелтиреди: "Чын эле эртең элге жарыя болуп кетсе, балким бул өзү жолдо баратып зордуктап койсо, анан мен эмне болом? Кубат болсо эрге тийип келди деп карабай кетсе..." деп ичинен санаа тартып, отуруп калды. Машинаны эми короодон айдап чыгаарда аялдар кайрадан тосуп, Дуулат кошо келди да, бүкчүйгөн кемпир:

- Айланайын Талгат, бир ачууңду мага бер. Кыз каадасын кылып ыйлабаса болбойт да, мына Дуулат сүйлөшсүнчү, токтот садага, - деп аны токтотуп койду эле, Дуулат машинага түшүп Мээримдин жанына отурду:

- Мээрим, кечирип кой, айтпай ала качканым үчүн, мен сени сыртыңдан көрүп жакшы көрүп эле...

- Сиз... сиз менин атымды кайдан билесиз? - Мээрим жоошуй Дуулатка суроолуу карады.

- Атыңды бирге окуган кыздарыңдан сурап алганбыз, сенин жигитиң бар экенин да билем.

- Анда эмнеге ала качасыз, бирөөнү сүйүп, бирөө менен күндөп-түндөп жүргөн кыздын сизге бүлө болбосун ойлогон жоксузбу?

- Мээрим, мени сүй деп жалдырабайын, суранайын, менин жарым бол, түбөлүк кол кармашкан жарым бол!

- Андай дебеңиз, мен башканы сүйөм, жакында үйлөнөбүз, андан көрө кайдан алып келсеңиз ошол жерге жеткирип коюңуз?!

- Анда макул, өзүң бил! - Дуулат машинадан түшүп баратып, - Талгат, өзүң билгендей кылып алпарып кой! - дегенде Мээрим:

- Жок-жок, мени экөөңөр жеткиргиле, жалгыз ал барса болбойт! - деп коркуп кетти. Аңгыча кары кемпир келип аны колдон ала келиндерге карады:

- Келгиле ой келиндер, чымчыктай болгон кызга алыңар жетпей эмне, кыз кетем дейт да, анан эмне күлөт беле?! - деп колтуктап машинадан сыртка карай тартканда айласы куруй баштаган Мээрим улуу кишинин колун силке албай же жаман айта албай жерге түштү эле, үч-төрт аял колтуктан көтөрө үйдү көздөй жөнөштү. Көзүнүн жашын куюлткандан башка аргасы калбаган кыз жетекке көнүп тартылган көшөгөнүн ичине кирип келди: "тагдырым ушул тура, тобо-оо. Кубат азыр эле алып кетейин десе эмнеге болбой койдум, ушуну көргөнү турган экенмин да" деп үнсүз телмире башына жоолук салып жаткан аялдардын бака-шакасына көңүл бурбадыбы же көңүлү караңгылап кеттиби, көзүн жумган бойдон отура берди.

Арадан үч күн өтүп, ага-жеңеси, эже-сиңдилери кууп келип, атасынын: "уятка калтырбай отуруп калсын" деп жазып берген катын уучтаган Мээрим дале Кубатты унуталбай атты. Бир жумадан өтүп калганда сыртка чыга калса дарбаза тыкылдап калды, барып ача салса Кубат экен..

- Мээрим, жүрү кеттик, мен сени алып кеткени келдим, сени кандай ала качканын кеч уктум да, дароо сага жөнөдүм, жүрү кеттик, менин үйүмө!

- Кубат, болбой калды го, мени кечирип кой, бая күнү сенин айтканыңа макул болбогонумду, көрсө тагдыр деген ушундай болот тура, алдыбызда эмне турганын сезбей делөөрүй берет экенбиз, үйдөгүлөр көрсө уят, кош аман бол! - Мээрим дарбазаны карс эттире жаап үйгө жүгүрүп кирип көшөгөнүн ичине кирди да, ботодой боздоп ыйлап жатты. Оозгу бөлмөдө отурган кайненеси сыртка чыгып ичкериде турган чоочун жигитти көрө селдейе түштү, бир аздан кийин ага карады:

- Уулум, сага ким керек эле?

- Эне, энеке, Мээрим менин сүйлөшкөн кызым эле, аны зордоп ала качыптыр, аны алып кеткени келдим.

- Ээ балам, ал эми биздин келинибиз болуп калды, жүгүргөн албайт, буйруган алат деген ошол, акыл-эстүү эле жигит экенсиң, бирөөнүн аялын алып кетем дегениңе жол болсун?! Уят, намыс деген барбы сенде, сендей эр азамат жигитке келин, эрден чыккан аял ылайык келбейт го, ал эми келин болуп, кыз деген аты өчкөн, бирөөнүн койнунда жаткан катыны!

- Энекебай, мен аны сүйөм!

- Сүйүүң менен сүмүрөн кал, - эне үйгө карап үн салды, - Ээ Мээрим!

Кайненесинин үнүн уккан Мээрим көз жашын аарчый сыртка чыга калды да, Кубатты көрө жер карап үнсүз туруп калды:

- Апа, чакырдыңызбы?

- Балам, бу жигитке өзүң жооп берчи, алып кеткени келиптир го?

- Кубат, мен жана айттым го, эми болбой калды деп, сен да теңиңди тап, сенин айтканыңа көнбөй койгонум үчүн кечир мени, - Мээрим ушуну араң айтты да, ыйлаган бойдон кирип кетти.

- Эстүү эле, сен дагы мен окшогон бир эненин аздектеген уулу окшойсуң, балам. Муну да, өзүңдү да, уулумду да кыйнабай бара гой айланайын, уулум дагы бир кезде сендей болуп сүйгөнүн алдырып ийип үйлөнбөй жүрүп Мээримди жактырып ала качып келди эле... - Эне үшкүрүп алып үйгө кирип кетүүгө бурула бергенде дарбаза ачылып Дуулат кирип келди. ал Кубатты көрүп эле тааныды, Мээрим менен келатканда көрүп чала таанып калган эле.

- Кел жигит, кайдан? - билмексен боло сурап койду.

- Келдик, жок жоготуп келип жогумду ушул короодон таптым, - Кубат кекээр үн ката жооп берди.

- Жакшы, жакшы жигит, жоготконуңду тапканың жакшы экен, бирок баягыдай бекен?

- Силер жооп берсеңер баягыдай болбогондо эмне...

- Анда жакшы, - Дуулат апасына карады, - апа, сиз үйгө кире бериңиз, мен бу жигит менен бир аз сүйлөшүп алайын.

- Олда-аа балам ай, уруш-талашы жок эле чечип алгыла эми, кирсе кире берейин, - эне кылчактап кирип кетти.

- Кубат, экөөбүз бир кыз үчүн жоолашпайлы, кыз кишини кимдер сүйбөйт, кыз артынан миңи жүгүрүп бири алат. Кел андан көрө достошолу, катышып жүрөлү, биз эркекпиз, эркекче сүйлөшөлү, - Дуулат сүйкүмдүү жылмайып, кашын кере караганда Кубат аны үнсүз карап туруп: "Өзү да келишкен жигит тура, адамгерчиликтүү экен, Мээримди кор кылбаса болду, муну менен достошуп өмүр бою аны көрүп күйүп жүргөнчө тынч эле кете берейин, Мээрим бактылуу болсо болду да, азыр алып кеткенде менин апам, туугандарым келин алдың, кыз түгөнүп калгансып дешет го" деген ойго келди да, Дуулатты чечкиндүү карады:

- Сүйлөшчү деле сөз жок го дейм, мен Мээримди бир алакөөдөктөр зордоп ала качып кадырына жетпей кор кылабы деп күйөөсүн көрөйүн деген элем, ал бактылуу болсо менин бактым ошол, кош бактылуу болгула! - Кубат шарт бурула ылдамдай басып короодон чыгып кетти. Дуулат тамекисин түтөтө сыртта көпкө басып жүрүп анан үйгө кирди. Ал үйгө киргенде Мээрим көшөгөдө бүк түшүп соолуктап жаткан. Эч нерсе дебеди, апасы даярдаган тамакты ичип өз бөлмөсүнө өттү да, кагаздарын карап көпкө отурду. Бирок ою такыр башкада эле. Бир кездеги өзүнүн дал ушул Кубаттын абалында калганын эстеди: "Эх сүйүү-сүйүү, ушунчалык табышмак белең, татаал белең, бирөөнү бакытка бөлөп, бирөөнү азапка салган тажаал белең" деп оор дем алып алды да, жатууга ордуна келсе Мээрим төшөктү салып өзү жатып алган экен. Лам дебеди, жарасын сыйрыгысы келбеди. Чечинип жатып акырын имере кучактап колуктусунун чекесинен өптү, улутунуп ийди: "бир кезде мени дубанадай агуртуп, бирөөнү бактылуу кылган сүйүү, эми мен бактылуумун, дагы бирөө азапта калды" деп көпкө чейин ойгоо жатып уйкуга киргенин сезбеди. Кубатты күнөөлөгүсү келбеди, анткени ал басып өткөн жолду өзү баскан эле да.

Мээрим ачылып сүйлөп же бир жылмайып күлбөдү, баягы күлгөндө жарашып берип турчу чуңкурчасы сузданган жүзүнө деле жарашып, келин болгондон кийин ого бетер толуп баралына келип, сурайылдай созулуп чыкты. Кайненеси же күйөөсү анын кылган жумуштарынын туура эмеси болсо да үндөбөдү. Дуулат анын көзүнүн кареги менен тең айланып турат. Арадан жарым жыл өтүп, Мээрим кош бойлуу болуп калганда алар шаарга көчүп келишти: "Жаркылдаган жарып көзүмдү карап турса неге мен ага имерилбейм, анын да жүрөгү бар го, өзүмдү ойлоп, аны ойлобогонум кызык, кой эми, мен анын аялы, өмүрлүк жарымын да, жакында балалуу да болобуз, көңүлүн калтырбайын, өткөн иш өтүп, тагдырым ушул адамга буйруган соң татыктуу аял болуп берейин" деп ойлогон Мээрим Дуулатты сыйлап ага болгон мамилесин өзгөртө баштады. Ал эми Дуулат койнунда курсагы бөрсөйүп уктап жаткан жаш, сулуу аялын кучактап жатып, бир кездеги күйүп-сүйүп, күнү-түнү азап чектирген сүйгөнүн шаарга келип иштей баштагандан бери кайрадан көрүп алып, ага деген сүйүүсү өчпөгөнүн сезди. Аны кадимкидей сүйөөрүн, ансыз жашай албасын туйду: "Неге бираз чыдабай бирөөлөрдү кыйноого салдым экен, анын ажырашып кетээрин кайдан билдим, тагдыр ай, ушунчалык татаал белең, бир эле эмес, үч адамды бактысыз кылып койом го" деп оор үшкүрүнүп, түнү бою ооналактап уйкудан калчу болду. Анын түйшөлүп жатканы жүйөөлүү болчу, Мээримге көңүлү түшүп, ала качып алганы менен, аны сүйбөсүн эми сезип турган. Жакында балалуу болсо анын тагдырын, сүйбөсө да өзүнө көңүлүн буруп тагдырына баш ийип берген аялынын, өкүттө калган Кубаттын тагдыры аны санааркатып турган болчу.

Бара-бара Дуулат бир чечимге келгенсиди, ал үчүн азыр үйбүлөсү кымбат экенин, сүйүүнүн ыйык, таза бойдон сакталышын каалады. Көргөндө көңүлү канча ирет бурулуп, үйбүлөнүн ыйык жибинин тузагынан чыгып жүрөгү сүйгөн адамы менен кол кармашып басып кеткиси келсе да, суйкайып үйүндө өзүн күтүп отурган айыпсыз аялын кыя албады. Гүлжамалдын ушунча жыл өтүп үч баланын энеси болсо да сынын бузбаган келбетин, мүчөсүн, жибектей жумшак мүнөзүн ойлогондо ордунан шарт туруп басып кеткиси келет, бирок айыпсыз жанды кыйнап анын көз жашын төккүсү келген жок, акыры ал алиги ооруканадан дароо арызы боюнча бошоп, өзүнчө бейтапкана ачууну ойлоду. Тынч, жай жашоо-турмушту башынан өткөрүүнү каалады.

***

Кубат адегенде өзүн жаман сезип жүрдү. Жолдоштору чогулган жерде иче коюп, кызып калгандан кийин анын көз алдынан Мээриминин элеси кетпей эч нерсеге карабай аны өзүмдүк кылып жетелеп келип алгысы келет. Бирок анын көз жашын, өзүн кыя албай намыс үчүн жашоого бел байлап, тагдырына көнүп бергенин өз көзү менен көргөндөн кийин аз-аздап унутууга аракеттенди. Апасы Чачыкей эне жалгызынын келечегинен жүрөксүп, аны тез арада үйлөнтүүнү чечти. Ал ойлонуп олтуруп, жакын курбусунун жаңыдан бой жетип калган кызын алып берүүнү ойлоп, Сагынга атайы жолукканы барды. Аны көргөн курбусу кубанып тосуп алып, дасторкон жая чай койду.

- Келипсиң курбум, баса экөөбүзгө курбу деген сөз жарашпай калган го, жаштыгыбыз өтүп, алтымыш ашып кемпир болуп калганда курбу дегенге оозум барбай өгөйлөп атканын кара, - Сагын күлүп калды.

- Ээ курдаш, биз картайдык, эми ушул балдардын ысык чайын ичсек арман жок го?!

- Ботом, жаман уулуң бой жетти, буйруса келин алып кайнене болооруңа аз эле калбадыбы.

- Ооба, ооба десең, ошон үчүн кыйбас курбу элек деп сага келбедимби, улгайган сайын катыша да албай баратабыз... - Чачыкей сөзүн андан ары эмне деп улаарын билбей отуруп калганда Сагын сөзгө кошулуп тамашалап күлүп калды:

- Курдаш, бу сен бирдеме айткың келип турат, айт айта бер, мынча келгенден кийин кобурашып отуралы.

- Сагын, экөөбүз бала кезибизден курбу болуп жүрүп бир да жолу сен-мен дешпедик, менин сага айтайын дегеним, Кубатым бой жетти, кудайга шүгүр жаман болгон жок, өзүмө күйүмдүү, акыл-эси ордунда, эптеп окууга да окутуп койдум.

- Ырас кылыпсың, окуп алса өзүнө жакшы эмеспи, мен деле үч уулумду үйлөп, экөөнү күйөөгө бердим, эми кенжем бойго жетип келатат, быйыл окууга тапшырат ал дагы.

- Курдаш, менин сага келгенимдин жөнү бул: уулума Перизатты ылайык көрсөң кудагый бололу, - Чачыкей эне курбусун "эмне дейт, жок бербейм деп койобу, ырас эле балдарынын баары чоң-чоң бизнесмен деп уккам, жалгыз бала карт кемпир деп тоотпой коюшаар бекен" деп саамга үнсүз карап туруп калды.

- Ээ курдаш, мунуң жөн экен, жалгыз балаңдын камын ойлоп кабатыр болгонуңду түшүнөм, Перизат бир сырдуу кыз болду, сенден аямак белем, кызды сураганга, кымызды ичкенге бер дегендей, уулуң өзү келип сүйлөшүп көрсүн, кызым али жаш, жигит дегенди жек көрөт, айылыбыздан деле эмитен куда бололу деп келгендерге так секирип окуйм деп атат.

- Окуусуна каршылыгым жок, уулум менен эле кол кармашып жашап кетсе болду эле.

- Чачыкей, сен жакшы аялсың, келинди жакшы күтөөрүңө ишенем, бирок кыз баланын көңүлүнө карабасак болбойт го, кудагый болом дегениңе кубанычтамын, анан агаларына да бир ооз кеңешейин, Кайрат кайсыл окууда окуп жатат?

- Мугалим болуп чыгат ко, быйыл акыркы курсун бүтөт.

- Уулуңду кызга көрсөтөлү, бир бирине жакса сен экөөбүздүн ай-кой дегенибизге карабайт дагы, жаштар деген жаштар да.

- Ыраазымын, курдаш. Баса илгери бир сүйлөшкөнүбүз эсиңдеби ыя, анда-аа күйөөгө да тийе элек кыздар элек, экөөбүз кудагый болобуз деп каткырып күлүп калчу элек го?

- Ооба, ооба, ырас эле, эсимде эмей... - Эки курбу алдындагы куюлган чайлары муздаганын сезбей аркы-беркини сүйлөшүп отуруп түш ооп кеткенин байкашпады. Качан гана Перизат сырттан киргенде экөө тең ага көңүл бура сөздөрүн токтотушту.

- Келиңиз, - Перизат баш ийкей учурашып койгондо Чачыкей аны карай колун созду:

- Кел садага боюн, чоңоюп калган турбайсыңбы, кел бетиңден өөп койойун, - Кыз келип эңкейе бетин тосуп бергенде Чачыкей эне аны эки жаагынан кош колдоп кармай бетинен өөп бажырап сүйлөй берди, - Садагасы аты да Перизат, өзү да перизаттай болуп сулуу кыз болгон тура. Курдаш, атын таап койгон экенсиң.

- Байкуш атасы койгон, ушул кенжем болсун, көп төрөп кыйналып кеттим деп Кенжегүл койойун десем, "кемпир, антип кудай берген баланы кесир кылба, атын Перизат койолу, буйруса кызым перидей сулуу кыз болот" деп, ымыркайында эле билсе керек, ушунун керилип бойго жеткенин көрбөй калбадыбы, - Сагын кейип ээгин шып эттирип койду, - атаа-ааңдын көрү дүнүйө десең, чалым жакшы адам эле...

- Ээ курдаш, пешенеге жазганды көрөт экенбиз да, болбосо аяш жаш кетти го.

- Ооба десең, алланын буйругунан сырткары биздин колубуздан эч нерсе келбейт экен.

- Кой, күн кечтеп кетиптир, мен кетейин, - Чачыкей ордунан туруп кетүүгө камынганда Сагын кошо козголуп узатууга чыкты.

- Чачыкей, эмки жума күнү уулуң экөөң биздикине конокко келип кеткиле, сөзсүз келгиле, макулбу?

- Маа-акул, курдаш. Сен чакырсаң келбей анан, келем эле.

Экөө күлүп кол алыша коштошушту да, эки жакка бөлүнүштү. Чачыкей эненин кубанычы койнуна батпай, үйүнө кудуңдап кирди. Үйдө отурган Кубат кызуураак экен, апасынын кубанычтуу киргенине таң кала сурап койду:

- Апа, аябай кубанып алгансыз го, кайда барып келдиңиз?

- Ээ балам, баягы менин Сагын деген курдашымды билесиңби?

- Ооба, билбей эмне, билем.

- Ошол келээрки жума күнкүгө экөөбүздү конокко чакырыптыр.

- Ой ошого эле ушунча кубанып алдыңызбы анан. Анын үстүнө мен сиз менен конокко ээрчип баргыдай кичине бала белем, өзүңүз бара бериңиз. - Кубат төргө өтүп жаздыктан алып койду да, ары карап жатып алды.

- Опей ботом, сен барбасаң болбойт, атайы "аяш уулум чоңоюп калды, келип конок болуп кетсин, катышпай да калдык" деп сени чакырып атыптыр, - Чачыкей уулуна ашык сөз айтуудан аярланып турду.

- Атайы мени чакырыптырбы? - жаткан жеринен башын көтөрө сурап койду.

- Ананчы, кичинекейиңде кошуна болчубуз, далай жолу сени жонуна көтөрүп балдарына кошуп баккан да, уулум. Мен жалгыз бойлуктун азабынан күндүзү иштеп, түндөсү сени карап чоңойтподумбу, садага.

- Макул, апа. Белек-бечкек ала барабыз, азыр мен эс алып алайынчы ээ?

- Эс ал, балам, эс ал. Мен тамак жасай койойун, - эне кудуңдай өз ишине киришкен менен ою алда кайда: "Буйруса бара турган болдук, ооздон түшө калгандай болуп мөлтүрөгөн кыз болуптур, уулума кантип жакпай койсун" деп ойлонуп жатты. Чачыкей эненин кабатыр болгонунча бар эле. Эки күндүн биринде эле Кубат ичип келип, кээде ороңдоп, тили да тийген күндөр болду: "Эптеп үйлөнтүп койсом ичпей оокат кылып кетээр" деген ойдо эле.

Бат эле күткөн күн да келип калды. Кубат убадасына туруп, дасторконго кант-конфетти жакшы эле алыптыр.

- Апа, үйүндө кичинекей неберелери болсо кубанып калсын, куру барсак болбойт го, - апасын караганда ал уулуна жылмайып, жооп берди:

- Садага болоюн десе, болот ушул, үйүндө неберелери болсо болгондур, эрте жарыкта барып кайра келели.

- Кеттик анда.

Эне-бала ээрчишип маршруткага түшкөндө эртең мененки ондор чамасы болчу, алар антип-минтип жеткиче түш ооп кетти. Сыртта жүргөн Сагын аларды көрүп утурлай басты:

- Оо келгиле-келгиле, чакыртпай келбейсиңерби ыя силер, сагынып чакырттым эле... - Чачыкей менен кучакташып көрүшүп, Кубатты эки бетинен өөп: - кагылайын десе, бойго жетип энеңдин кадырын билер кезге келип калган экенсиң, уулум. Кандай, окууларың жакшыбы? - Сагын аларды үй жакка баштап баратканда Перизат үйдөн чыга калды.

- Келиңиздер! - сыпайы учурашып, жол бошото берди эле, Чачыкей аны бетинен өөп үйгө кирди. Артынан келаткан Кубат аны жалт бир карап алды, экөөнүн көздөрү чагыла түшкөндө: "татынакай кыз экен, аяш энемдин кызы болсо керек, кичинекей эле кыз эле, бойго жетип калган тура", - деп Кубат бир саам үн катпай карап туруп, анан:

- Чоңойдуңбу, чоң кыз, - деп ооз учунан учурашып, апасынын артынан үйдү карай кадам таштады. Кыз жөн гана башын ийкей жылмайып коюп ары басып кетти.

Эки курбу көпкө чейин кобурашып отурушту. Сагынга Кубаттын бой келбети, шыңга бою жагып турду. Экөөнүн тең ойлорунда уул-кызынын мамилелери: бир бирине жагып калышын тилеп, сүйлөшүп отурган менен, ойлору алда кайда. Асылган тамак бышканча Кубат сыртка чыгып конок камын көрүүгө кирип-чыгып жаткан Перизаттан көзүн албай ары-бери басат: "балким жигити бардыр, ушундай чырайлуу кызды көз жаздымдан калтырмак беле, өзүнүн деле жүрөгү бош болбосочу" деген ойлордон арыла албай тамеки түтөтүп жүргөндө:

- Сизди үйгө кирсин деп жатат, - деген Перизаттын үнү оюн бузуп жиберди.

- Азыр.. - Кубат кыз кирип кетпесе экен дегендей шашкалактай түштү, - карындашым, канчанчы класста окуйсуң?

- Канчанчы класста окугандай көрүнөт экем? - Кыз кайра өзүнө карап күлүмсүрөй суроо берип калды.

- Мм, билбейм, деги эле окуучудай секелек көрүнүп турасыз го? - Кубат да жылмая жооп берди. - Жигиттерди артыңыздан жүгүрткөнгө жарап калыпсыз.

- Туура таптыңыз, жакында окууга тапшырам. Жүрүңүз үйгө.

- Жүрөгүңүз бош эмес чыгаар, аяш энемдин сиздей сулуу кызы бар экенин билбепмин, билгенде...

- Азырынча бир жигитке да жүрөгүмдү ээлете элекмин. - Перизат сөз бүттү дегендей үйгө кирип кетти. Кубат анын артынан үйгө киргенде Сагын:

- Айланайын, эки кемпирдин жанында отургандан тажадың го дейм, кел келе гой, тамактангыла. Ой Перизат, кел садага, коноктордун жанына келип чай-пай коюп берип отур, аяш энең таарынып калаар дейм сен отурбасаң, - деп сыртка карап үн салганда Перизат кирип сыңар тизелей отуруп чай куюп бере баштады. Эки курбунун уул-кызы үчүн атайы жасаган аракеттери жаман болбоду, Перизат Кубаттын бой-келбетин, кара көздөрүн жактырып калгандай бушайман боло улам чай куюп сунганда карегин тартып алып, кызара түшүп жатты, муну эки эне тең байкап, бир бирин карап астыртан жымыңдап коюп отурушту. Кетээрде Сагын менен Чачыкей сыртка чыгып бир нерсени кобурашып көпкө турушту. Кубат болсо Перизаттын дасторкон жыйып убараланып жаткан кыймыл-аракетин карап отуруп бирде Мээримди, бирде маңдайындагы секелек кара көз кызды элестете берип, Мээримди унута албасын сезди: "Ал менин тунгуч сүйүүм, баары бир анчалык башканы сүй албай тургандаймын" деп терең улутунуп алып ордунан турду. Эне-бала кечки бешим чендерде үйүнө келишти. Чачыкей өз ичинен кымыңдап: "Буйруса келиндүү болом, эми камына бербесем болбойт" деп сыртынан сыр билгизбей өз ишине киришти. Кубат апасына эч нерсе дебеди, бирок жашоосунда бир чоң бурулуш болоорун ачык эле билип турду. Бир бирине айтылбаган менен, ич ара түшүнүп эле калышкан: "Апам жөн барган эмес экен, демек мага Перизатты алып берем деп жатат окшойт, мен сүйө аламбы, жашап кете аламбы" деген күдүк ойлордун туткунунда калды. Акыры катылган сыр ачыкка чыгып, эне уулуна өз оюн айтты бир күнү:

- Уулум, мен болсо картайдым, окууңду кудай буйруса бүткөнү турасың, эми үйлөнсөң болот эле, деги көөнүңө жаккан кыз барбы, колум узарып, небере көрсөм болот эле.

- Эк жарыктык, картайдым дейсиз да, сиз али менин көзүмө келин эле бойдон көрүнөсүз. Шашпасаңыз үйлөнөөр кез келет да.

- Аа-аа балам, бир күн оору, бир күн соо болуп тиричиликти токтотпой кыбырап жүргөнүм болбосо, картайбаганда мен эми жашарат белем, алтымыш беш жаш деген оңойбу, жазып-тайып ары карап кетсем сенин балдарыңды көрбөй арманда кетем го? - Эне көз жашы кыла сүйлөдү.

- Койчу апа, жакшынакай туруп эле сүйлөй бересиз да, койо туруңуз, - Кубат апасын кучактай эркеледи.

- Ботом, ыссык жан кайсы күнү кудайга керек болсом, койо турайын дегениме болмок беле?

- Өзүңүз эле жамандыкты айта берсеңиз анан..

- Жоок, балам, кайсы күнү өлөөрүмдү билсем камынып албайт белем, - эне дагы тамашалай күлдү, - койо тур, жалгыз баламды үйлөнтүп, неберемди жыттап алайын деп суранат элем го?

- Азыр өлбөйсүз, апа. Мен ойлонойун, анын үстүнө көңүлгө толоор кыз да жок, ойлоно да элекмин ал жөнүндө.

- Кубатым менин, тигии-ии, аяш энеңдин кызы кандай экен? - эне уулун сынай карады.

- Аа-аа, ал эми жакты дечи, бирок өтө эле жаш тура, мен болсо отузга чыгайын деп калдым, мени картаң деп тийбейт го?

- Ок, кайдагыны айтасың, сени картаң-партаң дебейт этпейт, эгер кыз сага жакса мага эле айтып кой, өзүм эле...

- Эмне, өзүңүз ээрчитип келип аласызбы? - Кубат апасын тамашалай кетти, - анда өзүңүз алып келип жумшай бериңиз!

- Алып келип эле алам. - Эне-бала бир сөзгө келе албай, аркы-беркини айтып отуруп, анан өз иштери менен алектенип кетишти. Кубат ошондон кийин: "Чын эле апам мени багам деп жүрүп кара чачы агарып, картайып да калды, Перизат мен жөнүндө кандай ойдо экенин билейин, эгер көңүлү болсо эртерээк эле үйлөнөйүн" деген ойго токтоп, аяш энесинин үйүн көздөй жөнөдү.

Кубат келгенде Перизат эшик алдында курбу кызы менен турган. Аны көргөн кыз курбусуна бирдеме деп шыбырап жылмайып койду.

- Кандай, кыздар, саламатсыңарбы? - жете келген Кубат эки кызга ооз учунан, - аяш энем үйдөбү? - деп сурап койду. Дилинде аяш энеси эмес эле, ушул көздөрүн моймолжуткан кара көз сулуу кызды эңсеп келгенин айта албады.

- Аяш энеңизде жумушуңуз болсо убара болупсуз, бүгүн кеч келет, эгер мени менен чече турган иш болсо мен турам, - кыз такылдай сүйлөдү.

- Ооба десең, азыркы жигиттер кыздарга даай албай ата-энелери менен сүйлөшөт экен ай, - жанындагы кыз да күлө тамашалап калды.

- Жок, жоок, кыздар, аяш энеме апам атайы жиберген, аманат сөз бар эле... - Кубат тайсалдап калды.

- Андай болсо күтүңүз, кечиксеңиз жеңем урушпайбы? - Перизат атайы тийише сүйлөдү.

- Оо периштелер, жеңеңер болсо өзүм келбей эле ошону жибербейт белем, силерге окшогон сулууларга даабай эмгиче бойдок жүрөм.

- Өтө эле тартынчаак окшойсуз? - Перизат ага көздөрүн жалжылдата жылмайды.

- Чын эле, сөзгө чоркок, мокок жигиттер гана картаң бойдок болуп жүрө беришет.

- Ооба, кыздар, ырас эле ошондой окшойм, эгер экөөңүн бирөөңдү кааласам мага тиет белеңер? - Кубат кыздарды алмак-салмак сынай карады.

- Оо-ой кызыксыз го, - берки кыз бетин баса уялгансып тетири карады.

- Элибиздин салтында кыздар күйөм же тийем деп айталбасын жакшы билээрсиз? - Перизат токтоо сүйлөдү, - эгер жигит болсоңуз адегенде таанышып, анан деле суроо берсеңиз болмок.

- Аа-а, кечирип койгула кыздар, осолдук кылганымды кара, менин атым Кубат, - ал Перизаттын курбусуна колун сунду.

- Айша, - колун суна шоктук кылып сүйлөп алганына уялып, азыр эле жетелеп кете тургандай Кубаттан боюн оолактатты Айша.

- А биз таанышпыз, экөөбүздүн апабыз жаш кезинен курбу болушкан экен, - Перизат өзүнө карап калган Кубатты карап Айшага түшүндүрө баштады. - Көп жылдан бери катышпай калышып, жакында келип кетишкен, - Кубатка карады, - ушундайбы?

- Ооба, ооба, ошондой экен. Сагын аяш апамы мен жакшы тааныйм, биз катышып жүргөндө Перизат кичинекей гана кыз болчу.

- Кой, мен сизди үйгө кир дебей эле... - .Перизат уялгандай курбусу Айша менен Кубатка карады, - киргиле үйгө, чай ичкиле!

Бир топко чейин үчөө ар кайсыдан сүйлөшүп, талашып-тартышып отурушуп, Айша үйүнө кетти. Кубатка анын кетиши майда эле жакты, курбусун узатып кайра кирген Перизатка Кубат бир азга көз салып отуруп:

- Перизат, окууга качан жөнөгөнү жатасың? - деп сурады.

- Аз калды, апам менин камымды көрүп жүрөт, шаардагы агам университетке сүйлөшүп коюптур.

- Оо жакшы экен, а эгер жактырып калган бирөө алагачып кетсе кантесиң, анткени бойго жеткен кызга ашык болгондор көп болот го?

- Көңүлгө туура келбеген адам болсо байласа да турбай турган кыздардын адаты экенин билсеңиз керек, бактымдан көрөөрмүн.

- Акылдуу экенсиң, карындашым, - Кубат ойлуу бир топко олтуруп анан: - сүйлөшкөн жигитиң же жактырган адамың болсо керек.. - деп кайра дагы бир жолу сурап калды.

- Бул сурооңузга өткөндө эле жооп бергендей болдум эле, унутуп калсаңыз анда дагы жооп берейин: менин жүрөгүмө жаккан адамга али жолуга элекмин, эрте деп ойлойм, анткени он сегизге жаңы эле чыкпадымбы.

- Кечирип кой, Перизат, мен сени менен тереңирээк сүйлөшсөм деген элем, жана туура айттың, аяш энеме эмес, атайы сен үчүн келген элем, - отурган ордунан туруп Перизаттын жанына келди. - Көргөндүн көз жоосун алган сиздей аруу кызды көргөндөн бери уйкудан калып, алапайымды таппай жүрөм, балким мени улуу деп теңиңе албай койорсуң дейм?

- Көңүлгө туура келип, жүрөгүмдүн ээси болууга жараган жигиттин мен үчүн жашы кызыктырбайт деп ойлойм.

- Оо чоң кыз, - Кубат алаканын шакылдата кабагы жарыла кубанып кетти: - Деги мен үчүн жүрөгүңдөн орун табылаар бекен?

- Азыр айтыш кыйын, биринчи көрүш - билиш, экинчи көрүш - тааныш дегендей, сиз экөөбүз азыр экинчи жолу гана жолугуп атабыз, убакыт көрсөтөөр..

Ушул учурда Сагын үйгө кирип келди.

- Аа-аа аяш эне, кандай жакшы турасыздарбы, апам сизге салам айтып кайрыла кел дегенинен келсем сиз жок экенсиз, күтүп отуруп эми кетейин деп турдум эле, - Кубат уурусу кармалып калгандай шашкалактап калды.

- Жакшы айланайын, келгениң жакшы эмей. Перизат, чай-пай койдуңбу конокко?

- Ооба, апа.

- Чай ичтим, аяш эне. Мен эми кете берейин, апам күтүп калды го, - Кубат сыртты көздөй басканда:

- Кызым, узатып кой байкеңди, - деди эне Перизатка карап.

- Макул, апа, - Кубаттын артынан чыккан кыз аяр басып баратып: "Жакшынакай эле жигит экен, эмне үчүн ушуга чейин үйлөнбөй жүрөт? Балким, окуп бүткөндөн кийин үйлөнөм деп жүрсө керек, окууга да кеч тапшырыптыр" деп ойлонуп келатты.

- Перизат, жакшы тур анда, дагы келем, эми келгенде жүрөгүңдүн ээси болууга жарайымбы же сындан өтө албай каламбы?

- Жүрөгүмдүн бошунда жолуктуңуз, көрөөрбүз дагы, мен сизди али сынай элекмин, сынга толуу макулдугун билүү эмеспи, тагдырдын жазганына жараша болоор...

- Жакшы кал, чоң кыз, сиз менин жүрөгүмдү башкарып алдыңыз, жоогазындай кулпурган кыздын жүрөгүнө канткенде ачкыч табам деп эмки жолугушканга чейин санаа тартат экемин да!

- Кыздын жүрөгүнүн ачкычын жигиттин жигити бат эле табат, жакшы барыңыз! - Перизат шарт артына кайрылып кирип кетти.

***

Дуулат уулдуу болгондон бери Мээримдин кыял-жоругунун өзгөргөнүн байкады. Чырт этип кеп көтөрүмү жок, оорудум деп төшөккө жатып алганы көбөйдү. Анын оорусунун эмне экенин билбеди, өзү тамырын көрүп эч кандай дарты жок экенине көзү жеткенден кийин үндөбөй өз ишине киришүүнү ойлоп менчик бейтапкана ачып, кызматкерлерди кабыл алып иштей баштады.

Жумуштан келгенде үйдү аралаштырып жыйнабай же тамак жасабай отурган аялын көрүп ичтен сызып алды да:

- Мээрим, сен эмне эле болуп жүрөсүң, мындай эмес элең, же мага нааразысыңбы? Мына уулубуз күлүп калды, эч нерседен кем эмессиң, - деп дасторкондо отурганда жумшак сурады.

- Окуумду таштадым, жашымда бала басты болуп үйдөн чыкпай отурам, бул өлүк дүйнөнүн кимге кереги бар, же элдей болуп эки жакка баспасам, - Мээрим булкуна идиш-аякты калдырата сүйлөнүп кирди, - окуумду улантам, баланы айылга апама берем.

- Ошо кантип болсун, бала али жаш да!

- Айттымбы ошол, сүт менен багып алат.

- Макул-макул, окусаң оку, бирок баланы өзүбүз эле нянька жалдап бага беребиз, алтыным, деги кыялыңды өзгөртпөчү.

- Баланы кимге бактырам өзүм билем. Кайдагы бир жолбун кыздарды үйгө алып келип төрүмдү тебелетпейм!

- Анда.. анда сиңдиңди бул жакка алып келип окуталы да, сен сабактан келгиче ал карай берсин.

Мээрим унчукпай калды, Дуулаттын сөзүнө муюдубу, дасторкон четине отуруп чай иче баштады.

Убакыттын өтүшү менен Мээрим окуусун улантып окуй баштаганда дагы боюна болуп калды. Ал боюнан алдырып салууну көздөп врачка барды эле, чоңоюп кеткенин айтты:

- Үч айдан өтүп кеткен тура, төрөй берсең болот, алдырам десең алып деле койобуз дечи, бирок биринчиден денсоолугуңа зыян, экинчиден бала чоңоюп калыптыр, кесип алууга туура келет, убал го? - врач жылмая суроолуу карады.

- Эже, окуума тоскоол болобу деп жатам.

- Күйөөң менен макулдаштың беле?

- Жок, ага айткан эмесмин.

- Анда болбойт, эгер аборттон кийин кыйналып же кан кетип калса кантесиң, күйөөңдүн макулдугу керек! - врач сөз бүттү дегендей ордунан турду. Айласы кеткен Мээрим сыртты көздөй жөнөдү. Акыры сырттан окуу бөлүмүнө которулууга туура келди. Дуулат ойлонуп отуруп, Мээримди өзүнүн бейтапканасына иштетүүгө аргасыз болду. Жумушка экөө бир келип, чогуу кетишет.

Ошол күнү күн жаап, аба салкын тартып, жайдын илеби көңүлдү сергитип, жапжашыл мөмө дарактар шагын ийип, терезелердин пардасын ары-бери ыргап турган. Ачык терезе тушундагы мөмөлөр Дуулат отурган кабинеттен көрүнүп турчу. Мөлтүлдөгөн жаандын тамчылары алманын сыртынан жылт-жылт этип төмөнгө кулайт. Сырттагы ушул кооздукту ого бетер шаңга бөлөгөн чымчыктардын сайраганы адам баласынын жандүйнөсүн сергитет. Ойлуу терезеде турган Дуулаттын оюн каалганын ачылып, бирөөнүн кирип келаткан дабышы бузуп жиберди, артына бурула берип Гүлжамалды көргөн Дуулат шашкалактап анын жолун тосо басты:

- Кел, Гүлжамал, кел, отур мындай, жөн-жай элеби? - орундук көрсөтүп өзү ордуна өттү.

- Жакшы, жайында эле. Өзүң кандайсың?

- Баары ойдогудай, көрүп турганыңдай эле.

- Сен жумуштан чыгып кеткенден кийин көпкө дайыныңды биле албадым, жакында угуп дарегиңди билгенден кийин учурашып келейин деп эле кайрылып калдым.

- Келгениң жакшы. Буйруса, жакында бардык аппараттарды сатып алабыз, кеңейтип, элдин талабына ылайык кылсам деген оюм бар.

- Оюң жакшы экен. Дуулат, ушу сен жумушуңдан менден алыстоо үчүн эле кеттиң окшойт, ээ? - Гүлжамал назданып ага таарынгандай түр көрсөттү, - сүйүү эскирбейт, чыныгы сүйүү унутулбайт дешет, а сен мени чын дилиң менен сүйбөсөң керек, болбосо мен сени унуталбай күйөөмдүн кучагында жатсам да сени ойлоп, бассам-турсам элесиң көз алдымдан кетпей, акыры ажырашып тындым эле...

- Гүкү, сен мени түшүнчү, мен деле сени күн-түн эсимден чыгаралбайм, бирок азыр үйбүлөм, балам бар, аялымдын боюнда бар, тагдырга баш ийбесек... ортодо балдар жетим, сен мен окшогон адамдар азап тартып бактысыз болушун каалабайм.

- Болуптур, мен деле бирөөлөргө жамандык санабайм, жок дегенде жумушка алаарсың, сени көрүп, жаныңда жүрсөм жеңилирээк болоор.. - Гүлжамал Дуулатты сынай көз айрыбай карап калды.

- Эмне, тигил жактагы жумушуңчу, ал жерге сен окшогон иш билги врач керек да?

- Ал жерден чыгып алгам, - ордунан туруп келип Дуулаттын ийнине колун коюп, - Билесиңби, баягы-ы, баягы, экөөбүз бактылуу жетелешип жүргөндө, сен менсиз, мен сенсиз жашообузду элестете албай, кокус бөлүнсөк эле өлүп калчудай сезип антташканыбыз эсиңдеби? - деп эңкейип, жаагына жаагын тийгизе шыбырады.

- Гүлжамал, ал убак өткөн, азыр мен үйбүлөлүүмүн, сенин да бала-чакаң бар, эми биз балдар үчүн жашашыбыз керек!

- Мен сени дагы эле мени сүйөт деп жүрсө.. - Гүлжамал ыйлап кирди. Дуулат аргасы кете аны колтуктай столго отургузду:

- Гүлжамал, эсиңе келчи, Мээрим бул жерде, ал көрүп калса эмне дейт?

- Көрсө көрөөр, сүйүүнүн айынан акылынан ажырай баштаган аялды көрүп алсын. Дуулат, алтыным, мен сен үчүн баарына кайыл болуп олтурам го? - Гүлжамал эки колун анын мойнуна арта кучактап алды, - сен ошондо мени сүйөм деп алдап жүргөнсүң го?

Дуулат анын оозунан бур эткен арактын жытын сезе койду:

- Эмне, сен ичип алгансыңбы?

- Аа-аа, сен эми билдиңби, мен ичип алгам, сүйгөн адамың көз көрүнөө башка адамдын койнунда жатса, мен байкуш азап-арман менен күн өткөрүп, жашоодон тажап өлгүм келип өлө албай ичтим! - анын бекем кучактаганынан бошонууга аракеттенип жатты Дуулат:

- Гүлжамал, Гүкү, койо берчи, бирөө келип калса уят эмеспи, - дегенче Мээрим эшикти ачып кирип келе жатып кайра артка чегине берди. Гүлжамал сүйлөгөнүн токтотподу:

- Жаным, жок дегенде бир жолу өөп койчу, бир эле жолу!

- Жинди болдуң беле, койо бер дейм, сенин мындай экениңди билбептирмин, - Дуулат катуу булкуна бошонуп, сыртка атып чыкты.

- Дуулат, Дуулат дейм! - Гүлжамал анын артынан чыгып баратып Мээрим менен беттеше түштү:

- Сиз кимсиз, Дуулатта эмне жумушуңуз бар эле? - Мээрим ичте жаман көрүп, ызасы ичте кайнап турса да сылык сурады.

- Мм.. менби, мен Гүлжамалмын, Дуулатта жумушум бар эле, а сен кимсиң?

- Мен Дуулаттын аялымын!

- Аялымын?! - Гүлжамал кекээрлей сурап алып, анын ары жак, бери жагына өтүп таңдайын шакылдатып, башын чайкай сүйлөп жатты, - мм, демек мен аялымын дечи, да-да да-аа, сулуу экенсиң, жаш экенсиң, - анан теке маңдайына тура калды да: - мен анын сүйгөнү болчумун, бири бирибизди кандай гана сүйчү элек?! - деп улутунуп алды, - ооба, билбесең билип ал, мен аны дагы эле сүйөм, уктуңбу, дагы эле сүйөм!!!

Мээрим үндөбөй кабинетке кирип кетти.

- Гүлжамал! - Дуулат жанаша турган бөлмөдөн чыга калды. - Сен эмне жинди болдуңбу ыя?! Тур, жумушума тоскоол болбой кетип кал!

- Аа, сен мени аялыңдын көзүнчө басынткың келип жатабы, азыр эле, эми эле ушу кезге чейин сүйөөрүңдү айтып жатпадың беле, же калппы? - Дуулаттын маңдайына барып, - Эркектер баары ушундай болушат тура көрсө! - деди да чыгып кетти. Дуулат кабинетине кирип башын мыкчый отуруп калды.

Жумуштан чыккан Дуулат Мээримди отурган бөлмөсүнөн таппай калды: "Демек эрте кетип калган экен, эми үйдө чоң жаңжал чыгат, балким мен баргыча баланы алып кетип калып жүрбөсүн?" - деген ой жүрөгүн шуу эттирди. Келсе үйүнүн кулпусу жок, ачык эле турган экен: "Оо жараткан, үйдө эле экен, чалпоорок, кеп көтөрүмү жок неме эми урушат го, кандай кылсам да үйбүлөмдү сактап калышым керек", - деп ойлоп үйгө баш бакты. Мээрим ашканада жүргөн экен, балдызы баланы ойнотуп телевизор көрүп отуруптур. Дуулат уулун ала коюп эркелетип, өөп-жыттап алып диванга отуруп калды, жүрөгү кооптуу, бир нерседен шектенгендей кыжаалат болуп ою онго бөлүнүп отурганда Мээрим кирди, бирок эч нерсе дебеди. Анткени ал жана сыртта тыңшап туруп баарын уккан эле. Эч нерсе болбогондой кечки тамагын алып келип тамактанышты. Сиңдиси өз бөлмөсүнө уктаганы чыккандан кийин уулу Актанды алып отуруп Дуулатты караганда анын жүрөгү "зырп" этип сайгылашып алды: "Эми эмне дээр экен, айгай салбай тынч ажырашалы дейби?" - деп андан көзүн ала качты.

- Дуулат, чын эле Гүлжамал экөөңөр сүйлөшүп жүргөн белеңер?

- Мээрим, мен сага айткан эмесмин, чынында мурун сүйлөшүп жүргөнбүз, экөөбүз бир курста болчубуз, анан аны башка бирөө ала качып... - колун шилтей актана сүйлөдү, - анын ушинтип келээрин билген эмесмин...

- Демек, бир бириңерди сүйгөн турбайсыңарбы ээ?

- Мээрим, ал убак өткөн да, мына азыр менин сүйгөнүм сенсиң, уулум экөөңсүңөр, аны унутчу бай болгур! - Дуулат ал жөнүндө сүйлөшкүсү келбегенин билдирип уулун эркелетип атып ичинен: "Кудай жалгап катуу кетпеди, же өзүнүн тагдырын ойлоп ага боор ооруп атабы?" - деп купуя ойлонуп турганда Мээрим кайра сөз баштады:

- Кызы-ыык, тагдыр деген кызыктуу жомок сыңары улам артын угууга куштар кылгандай алдыда эмне болоорун билбейт турбайбызбы... - Мээрим Дуулатка муңдуу көзү менен карады, - сүйүү кимдерди дубана кылбаган, сен үйбүлөнү сактайм деп биз үчүн өз жүрөгүңдүн каалоосун курмандыкка чалып жаткан жоксуңбу? - Ыйлап жибере жаздап карегинде толгон жашты көргөзбөөгө аракеттенип жер карап отуруп калды.

- Койчу, жаным, андай дебечи, жаш кездеги сезимдерди мен жокко чыгарып салгам, менин сүйүүм да, бактым да силерсиңер, болбогон нерсеге жүрөгүңдү оорутпачы, - Дуулат Мээримди кучактай чачынан сылап ойлуу телмирди: "Чын эле сүйгөнүмдү, жандүйнөмдү, алиге чейин Гүлжамалды сүйөөрүм жалганбы, анын бүгүнкү абалы ичтегисин айтканы, бугун чыгарганы келген тура", - деп аны кайрадан көз алдына келтирип, боору ооруп жатты. Мээримдин абалы андан жеңил эмес эле: "Кубат да ушинтип, балалык жаш кездеги сүйүүнү жокко чыгарам дейт го, аргасыз минтип мойнунан байлаган иттей бирөөнүн койнунда жатып балалуу болуп жашап жатканымды түшүнөбү, эх кудайым ай, сүйүү деген жалган нерсеби, андай болсо мен эмнеге Кубатты ойлоно берем, унуталбайм?" - деп ойлонуп жатып, Дуулаттын төшүндө жөлөнгөн бойдон үргүлөп кетти.

Ошондон кийин Гүлжамал Дуулаттын кабинетине тез-тез келе баштады. Келген сайын кызуу келет. Бир күнү дагы келгенде ага Дуулат минтти:

- Гүлжамал, сен өзүң келбей эле үйүңдүн дарегин жазып берчи, өзүм барып жолугайын.

- Макул, бул жерге келгенимди каалабай жатсаң өзүң бил, - Гүлжамал кагазга дарегин жазды да, чыгып кетти.

Билинбей убакыт өтүп, Мээрим айы-күнү жетип экинчи уулун төрөдү. Кайненеси Жаңыл келип жээнтек берип бапырап эле калышты. Кетеринде Дуулат менен Мээримге карап:

- Эми Актанды мен алып кетейин, Мээрим эки бала менен кыйналып калат, - деди эле Мээрим чок баскандай чоочуп кетти:

- Бир баланын убарачылыгы менен экөөнүн айырмасы кайсы, өзүм эле карайм.

- Мээрим, апам туура айтат, жакында сессияң да болуп калды, экөө менен кыйналасың.

- Жок, кыйналбайм, сессия тапшырганда Карачач карайт, сиздер атам экөөңүздөр кыйналасыздар, ыйлап убара кылат.

- Мейли, балам, балаңарды бергиңер келбегени байкалып турат, аман-эсен жүрсөңөр болду, - Жаңыл таарынгандай үн катты.

- Мээрим, апамды капа кылбай Актанды берип эле койсок болмок...

- Кой айланайын, болоор-болбос үчүн жаман-жакшы айтышпагыла, өзүңөр менен өзүңөр болгула, чал экөөбүз эрмек кылсакпы дегенбиз, - эне ылдый карап отуруп калды. Мээрим андан кийин эч нерсе дебеди. Жаңыл энени узатып койгондон кийин Дуулат жумушка чыкты. Эки баласы менен алышкан Мээрим: "Эми мен эки уулум үчүн гана жашайм, Дуулат сүйүүсүн биз үчүн курмандыкка чалып жатса мен Кубат деп жүрүп түгөнөт белем", - деп болгон күчүн, мээримин балдарына арнамак болду: "Окууну деги көгөрүп бүтүрмөй болдум, дипломду алсам башка ооруканага бир-эки жыл иштейм да, жакшылап жашоомду өткөрө берейин", - деген тыянакка келип, Кубатка деген сүйүүсүн балдарына, алган жарына мээримдүү эне, сүйүктүү жар болууга бурду баарын. Дуулаттын диссертациясын жактаганына жардамдашып кээде макалаларын талкуулашат. Анын эрте кетип, кеч келгенине да көңүл буруп кайда жүрдүң деп сурап да койбойт. Келсе жаркылдап тосуп алып, аялдык назы менен эркелеп бактылуу жубай. Ал эми дагы эле болсо өз жүрөгүндө Гүлжамалды өчүрө албаган Дуулат иш үстүндө отуруп алып үйүнүн дареги жазылган казанды таап алды да, дароо эле медсестрасына кайрылды:

- Роза, менин зарыл жумушум чыгып калды, бир аз кечирээк келем, - деп коюп шашыла чыгып кетти: "Байкуш, мени өзү келет деп ошол бойдон келбей калды, мен болсо унутуп койо жаздапмын, бир жолу болсо да кабар алып койойун", - деп анын үйүнө жөнөдү. Ал дарек боюнча келээри менен эле чоң дарбазалуу үйгө туш болду. Эшиги ачык турган короого кирип барып эшиктин алдында кичинекей кыз менен баланын кир, ботала болуп ойноп атканын көрдү. Чоочун адамды көргөн тигилер дагы элейе туруп калганда Дуулат аларды жылмая карап:

- Бул Гүлжамалдын үйүбү? - деп сурады.

- Ооба, - деди тестиерирээк кыз.

- Силер анын барлары болосуңарбы? - Саамга ойлоно түшкөн Дуулат: "Гүлжамал балдарын ушунча кир кылып, буларды карабай эмне кылып жүрөт, жалгыз өзү иштесе жетише албай жаткан го, балдар ойноп атып кирдеп калгандыр", - деп ойлонгуча тестиери:

- Ооба, биз балдары болобуз.

- Дагы байкем бар, - деп жарыша жооп беришти.

- А-аа, апаңар кайда?

- Апам үйдө, - деди бири.

- Жок, жок, үйдө жок! - деген бири беркинисин нукуй Дуулатты карады.

- Бул байке жакшы эле киши го, апам арак ичкендер келсе жок дегиле дебеди беле? - чачтары саксайган кичирээк кызы такылдады.

- Мейли, апам үйдө, кире бериңиз, - уул бала жер карай үйдү көрсөттү, - биякка кириңиз.

Дуулат бала көрсөткөн жакка кирип баратып үй ичинен жаман жыт келип турганын көрүп жийиркенип алды, арактын, ар кандай кычкыл жыт, жыйналбаган үй ичи аны ого бетер ирээнжитип жиберди. Бала кирип эле төшөк жамынып жаткан Гүлжамалды тарткылады:

- Апа, апа дейм, бир байке келди!

- Өлүгүңдү көрөйүндөр десе, киши келсе жок деп койгула дебедим беле? - Гүлжамал чачтары саксая башын көтөрө баласына кыйкырды, - тур эшикке чыгып жок де!

- Мен айткан жокмун, Камиля айтып койду, - анан Дуулатты карап күнөөлүүдөй апасына, - Мына байке биерге келип калды, - деди кабагын салып тултуя. Ордунан козголуп өйдө болгон Гүлжамал Дуулатты көрүп үндөбөй чачтарын жыйып жоолугун издеп башына салынды:

- Келген экенсиң?

- Гүлжамал, кандай акыбал?

- Көрүп турбайсыңбы, ичиңден табалап турасың го, табаласаң табала, шылдыңдасаң шылдыңда, мен бактысызмын, мен ырысы жокмун! - Ичкен арактын уусу тарабай, кызуусу билинип турган Гүлжамал аны тик карабай сүйлөп жатты, - Эмнеге келдиң, мен сени канча күттүм, барсам кет дейсиң, мен арсыз сенин сүйүүңдү өзүң айткандай түбөлүк деп жүрүптүрмүн, мен сени унутуу үчүн ичип атып аракеч болуп баратам.

- Гүлжамал, мен сени мындай жеңил ой деп ойлогон эмесмин, адам деген баарын көтөрүш керек, мен сени сүйгөм, бирок сени мен ажырашып келет деп күтүп жүрө беришим керек беле?! Жаман эмес, үч балаң турат, дүйнөдө жалгыз сен сүйсөң дагы... эсиңе кел! - Дуулат ага катуу айтканда Гүлжамал бир азга үндөбөй отуруп калды, - Сен деген түшүнүктүү, жогорку билимдүү адамсың, карачы жакшынакай балдарыңды карабай, үй-жайыңды чачып алып жата берип сасып чыгыпсың, балдарың ооруп калса эмне болот? - Дуулат ачуулана ары-бери басып жүрдү.

- Дуулат, мага ачууланбачы, - ойлуу көзүнүн жашын агызып отурду, - ырас эле мен жеңил ой аял экенмин, көтөрө албадым, жумушумдан чыктым... - ушул учурда тиги экөөнөн чоңураак бала кирип келди:

- Апа, бүгүн аз эле иштеп калдым...

- Мейли, бар эшикке чыгып тур, анан киресиңер! - Гүлжамал уулун эшикке чыгарып жиберди, - Дуулат, сен менин ушул турушумду көрбөсөң болот эле, сени көпкө чейин күттүм, келбедиң, анан... анан кыжаалат болуп..

- Ошо кантип болсун, өзүңдү өзүң кор кылып, заңгыраган үйүң, уул-кызың туруп бир өзүң эмес балдарыңды да бактысыз кылып отурганың эмнең?

- Эмне кылышым керек эле, сенден ажыратып, сүйүп калдым деп алакачып кеткен эрим үч балалуу болгондо башканы сүйүп кетип калса, мени сүйөт, мени таштабайт деп үмүт кылып жүргөн сүйгөнүм сага барсам карабасаң анан... ичпегенде эмне кылам ыя?

- Эси жок, анан бирөөлөргө өчөшүп тагдырыңды талкалап алганы жатканың туурабы, өзүңдү ойлобосоң дагы мынабу балдардын келечегин ойлобойсуңбу, эртеңки күнү булар чоңойсо сени сыйлайбы?

- Өлүп кетсин, булар да силерге окшогон бир алдамчы болот да, көп болсо.

- Акылыңдын тайкылыгын байкабаган экемин, өңү-түсүңдү карачы, минтип жүрсөң жолдогу бомждордон айырмаң калбай калат бир-эки жылда.

- Мен үчүн кабатыр болгонуңа ырахмат, башым ооруп зорго турам, бир бөтөлкө арак алдырчы, оңолуп алайын.

- Макул, азыр алып берем, бирок экинчи ичкениңди көрбөйүн! - Дуулат эшикке чыгып, чоңураак баласына эки жүз сом сунду, - Буга апаңа бөтөлкө арак, калганына өзүңөр бир нерсе алып жегиле!

Балдар кудуңдап ээрчише короодон чыгып кетти.

- Сен мени кечирип кой Дуулат, өткөндө жаш, сулуу аялың мага үндөбөй басып кеткенде өзүмдөн өзүм басындым, ого бетер ызаландым... - Дуулатты суроолуу көздөрү менен жалдырай карады, - Ошондо аялың сени менен урушкан жокпу?

- Эмнеге урушмак эле, сүйлөшүп жүрдүңөр беле деп гана сурады.

- Анан сен эмне дедиң?

- Айттым, чындыкты кайда катмак элем?

- Унчуккан жокпу?

- Жок, баарын түшүнөт, эми менин балдарымды таштап басып кетпесимди билет.

- Ии, азамат аялың бар экен, сулуулугуна жараша акылы да жакшы тура, - ойлуу отуруп калды, - Мен сенин келбегениңден, үйүндө уруш болгон го деп ойлогом.

- Жакшы киши көтөрүмдүү, чыдамдуу, эрктүү болуш керек, менин аялым жеңил аялдардан эмес, ал эч качан ага барбайт!

- Ошондой де... - Гүлжамал жаагын таяна отуруп калды. Аңгыча балдары топурап кирип келишти. Пакет толтура тамак-аш көтөрүп кирген уулун акырая караганда ал жер карап жалтана туруп калды. Дуулат ошондо жаман болуп кетти: "Балдарын таптакыр жалтаң кылып бүтүптүр, түшүнүктүү, билимдүү аял деп ким айтат ушуну"..

- Апа, байке өзүңөр бирдеме алып жегиле деген, мына бир бөтөлкө алып келдим, - пакеттен бөтөлкөнү алып чыгып апасына сунганда Гүлжамал ачуулуу кыйкырып жиберди:

- Ары коюп кой, ачкадан өлгөнү калдыңар беле?!

- Апа, үйдө нан жок, биздин кардыбыз ач, - Камиля мурдун шыр тартып ыйламсырап ийди.

- Менин деле кардым ачты, - экинчи уулу да үнүн пас чыгара апасын карады.

- Болду, башымды оорутпай чыккыла! - дегенде алар жылып-жылып сыртка жөнөдү.

Дуулат чыдай албай кетти:

- Гүлжамал, бул эмнең ыя? - Камиляны карады, - кел келе гой, муну алып чыгып өзүңөр жей бергиле! Кой, сен болбой калыпсың, мен кеттим, балдарыңа убал болгон экен, сага эчтеке эмес! - эшикти көздөй жөнөгөндө Гүлжамал:

- Сага ырахмат, менин балдарым үчүн кабатыр болгонуңа, муну менен сен мени табалап жатасың, бара бер, башка сөзүм жок! - Аракты алып оозун ачып куюп ичип жиберди. Ушул учурда улуу баласы кирип келди, ыйлап алган:

- Апа ичпечи, байке сизге жаман айткан жок го, чынында бизди жаман абалга калтырдыңыз, биз деле элдей болуп тамак-аш ичкибиз келет да, сиз болсо мен таап келген акчага арак сатып алып, биз дайыма ачка калабыз! - уулу жанына баткан ызаны айтып алды.

- Чык деп атам эшикке, ушунчалык эле ачкадан өлгөнү жатсаңар дагы! - Гүлжамал кыйкырып алды да, бетин басып жатып калды. Анын үнүн уккан Дуулат артына кылчайбады, сыртка чыгып ыйлап аткан Ырысбекке дагы эки жүз сом берди да:

- Апаңарга көрсөтпөй тамак-аш алып ичип тургула. Сен кайдан иштеп акча таап келип жатасың? - деп сурады андан.

- Мен.. мен көчөдөн машиналардан акча сурайм, кээде жакшы беришет, кээде болбой калат.

- Ай иттики! - Дуулат дарбазадан чыгып баратып артын караганда үч бала аны узата тиктеп турушкан экен...

Дуулаттын көз алдына Гүлжамалдын элеси келе берип кыжаалат болуп атты: "Кызык, кыз экенде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат деген сөздүн чындыгы бар экен да, ушу Гүлжамалды ушинтип калат деп ким ойлоптур, кечээ жакында эле татынакай жүрбөдү беле, чын эле менин карабай койгонума ызаланып эле ушул абалга келип калдыбы?" - деген менен, аны жек көрөөрүн же боор ооруш керегин билбей башы катып атты.

Күн санап өз иши жүрүп, оорукананы ойдогудай кеңейтип, жумушчуларды, врач, медсестраларды алып, өзү үстүртөн көз салып, эл керегине жарай турган жайга айлантып жатты. Гүлжамалды ойлоп кыжаалат болгону менен, баары бир барууга колу бошободу. Аны эстегенде балдарынын жүдөө көрүнүшү кошо көз алдына тартылып, жүрөгү ооруй берчү болду. Өз үйүндө жаркылдаган аялы, монтоңдоп жүгүрүп жүргөн уулу, балтыр бешик болуп "аталап" калган кичүүсү көңүлүн көтөрүп, жыргалга батырган менен, бир нерсе жүрөгүн өйүй берди. Бир күнү Чүй көчөсүндө машинасы менен баратканда ар бир машинага жүгүрүп акча сурап жүргөн баланы көрүп калды. Ал Дуулат токтогондо ага жетип келип үн дебей кайра артка кайрыла берди.

- Ырысбек!

Бала Дуулаттын үнүн угуп, кайра бурулуп туруп калды. Дуулат аны колун жаңсай өзүнө чакырганда гана басып келип салам айтты:

- Ассалоому Алейкум, байке!

- Ал-леким Салам, кандай жигит акыбал, апаң оңолдубу?

- Кайдан! Биздин ач-жылаңачтыгыбызга карабай ичип атат, жакында атам келип кетти, ошондо ичпейм деген болчу...

- Атаң биротоло келмек болдубу, же..

- Жок, апам ичкилигин токтотсо келем деп кетти.

- Ме муну ал да, жолго чыкпай эле гой, мени келем деди деп айт апаңа, бирок арак алып бербей тамак-аш алып жегиле, макулбу? - Дуулат ага 500 сом бергенде бала сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберди:

- Сизге ырахмат, байке, карындашымдын көйнөгү жок, көйнөк сатып берсем болобу?

- Аны өзүңөр билгиле, бирок жолго чыкпай жүргүн, макулбу? - Дуулат дагы бир жолу айтканда артындагы машиналар сигнал берип жибергенде машинасын жүргүзүп колун өйдө көтөрүп койду эле Ырысбек:

- Ооба! - деп кубана колун булгап кала берди.

Баланын кубанычтуу жүзү көз алдына келе эс ала түштү. Кантсе да бир бечараларга жардам көрсөткөнүнө көңүлү жайланып, бирок: "Кызык, Гүлжамал ушунчалыкка баргыдай жеңил экен да, өзүн жана балдарын ойлосо болбойт беле, кайран билим, кайран гана жаштык ага кор болгон, отуз эки жаш деген кырчын курак го?" - деп ойлонуп, чарчагандай кабагы түшө үйүнө келди. Аны эшикте ойноп жүргөн уулу тосуп алды. Уулунун монтоңдогон жүзү, таптаза болуп кийиминин жарашып турганы анын көңүлүн жайгарып, жерден так көтөрө:

- Уулум, ойноп жүрөсүңбү? - деди бетинен өөп.

- Ооба-аа, апам бөбөгүмдү карап атат, а мен сизди күтүп жүрөм, машинага түшкүм келди, - деп эркелей кетти.

- Машинага түшкүсү келгенинен ушунун, бөбөгүң ыйлаган жокпу?

- Жо-оок, апам Айсланды кийинтип, сүт бейип анан уктатам деген.

- Оо садагам десе, жүрү машинага түшүрөйүн, - деп Актанды машинага отургузуп эшигин жапты да, - сен отура бер ээ, мен үйгө кирейин, - деп үйүнө баш бакты. Үй ичи таптаза, уулун уктатып жаткан Мээрим аны көрө:

- Актан эшикте жүрөбү? - деди.

- Ооба, машинада отурат.

- Көп эркелетпесеңчи, баланы көп эркелетсең өзүңө эле жаман.

- Баланын балалыгы баладай өткөнү жакшы, ошонун эркелиги барбы, уулум адептүү эле... - Дуулат жылмая аялына жооп берди.

- Оюндагысын жасаганга көнүп алсачы, эмитен катуу кармаш керек.

- Оой акылдуум десе, аның туура дечи, бирок али жаш да, өзү эле ары жагында болсо адам болуп кетет, андан коркпо, жаным.

- Жумушуң кандай, келген оорулуулар жакшы эле көз карашта болуп жатабы?

- Эң сонун, - Дуулат бармагын көрсөтө жылмайып койду. Ички бөлмөгө кирип чечинип жатканда анын оюна Гүлжамал кылт эте түшө калды: "Эгер мен алсам деле илээнди, жеңил ой болуп жашоомду түйшүккө айландырмактыр, жакшы аял болсо баарына чыдап, баарына түтүп, абийири, намысы үчүн жакшы жүрмөк, балким Мээримдин ордунда болсо бар дүйнөгө көпмөк, ичип алып чачмак, ким билет, чынында өзү сулуу болгону менен акылы тайыз тура", - деп үйүнүн бир жерине чаң жугузбай карап, сүйүүсүн балдары менен жашоосу үчүн кыйып койгон Мээримге ыраазы болуп ага сүйүүсү күчөп: "Мен сүйүүдөн жаңылган экенмин, мүмкүн сүйүү деле эместир, үч жыл бирге жүргөнгө көнүп алып унуталбай жүрсөм керек", - деген ойлорду ойлоп турганда Мээримдин үнү оюн бузуп жиберди:

- Дуулат, Актанды алып келип тамак ичкиле!

- Азыр, - Дуулат үй кийимин кийине сыртка чыгып уулун алып кирип дасторконго отурушту. Тамактанып отуруп да да Дуулаттын эки көзү аялынын кыймыл-аракетинде болуп: "Кудайга шүгүр, ушундай аялга кезиктирген, бираз кыял көргөзүп жинденип жүрдү, ал жаштыгы, токтоло элеги экен, ою менен болуп, каалаганын аткартып окуусун бүтүртүп деги койдум, эми акыркы сессиясын тапшырса баары жайында болот", - деп отурду.

- Дуулат, кээде эле ойлонуп калчу болдуң да, ишиңде кыйналыш же ойлонто турган нерселер жокпу?

- Жо-ок, эч кандай кыйналыш жок, ойлонгонум эле дагы кандай ачылыш жасасам, диссертациямды жактап бүттүм, эми ички организм боюнча бир ачылыш жазсамбы деген оюм бар.

- Аның жакшы го, көп байкап жүрөм, өзүңчө ойго батып кетчү болдуң, балким балдарың менен мени кыялбай өз жүрөгүңдүн каалоосун аткарууга даабай Гүлжамалды ойлоп жүргөн болбо?! - Дуулат безге сайгандай секирип кетти:

- Койчу, кайдагыны айтасың да! Силерди эч нерсеге алмашпай калайын, өкүнмөк тургай ушу сени жолуктурган кудайга ыраазы болуп жүрөм.

- Эгер жүрөгүң ооруп, ал үчүн кыйналган болсоң, мен сага кеңешип, Гүлжамалды никелеп алып, аны да кара деп айтайын дегем.

- Эмне деп жатасың, Мээрим?! Аны менен убагында сүйлөшкөнүм чындык, бирок силерди таштап ага кетүү оюмда да жок! - Дуулат чындап эле чыйпылыктап ийди.

- Сен анчалык күйүп-бышпай, мени угуп туруп анан жооп берсең... - Мээрим бираз ойлонуп күлмүңдөй күйөөсүн карап туруп, - Мен бая күнү базарга бардым эле го, ошондо аны көчөдөн көрдүм, дагы ичип алыптыр, боорум ооруду, сен барып көңүлүн көтөрсөң ал өзүнө келээр беле дегеним да..

- Кайда жүрүптүр, мас бекен? - Дуулат чындап чоочуй сурады.

- Чоң жолдун боюнда кетип атыптыр, башына жоолук салынып алган экен, кыйшайып калыптыр... - Мээрим анын жаман көрүнүшүн айткысы келбей, Дуулатты карады, - ушундайда жардам берип сактап калбасаң бузулуп бүтөт, билими бар, өңдүү-түстүү аялдын ошондой абалын көрүп боорум ооруду, балким сенин карабай койгонуң үчүн өзүн таштап салгандыр?

- Эмне үчүн, жашоо өзүнүкү да, мен үчүн өз тагдырын өзү бузмак беле?

- Балким. Кээ бирөөлөр өтө бош болушат, тез ойго алдырып кетишет... Мен сенин Гүлжамалга айтып жаткан сөздөрүңдүн баарын укканмын.

- Эмне деп? - Дуулат чыдабай кетти, - качан, кайсы жерде?

- Баягыдачы, баламды, аялымды, үйбүлөмдү таштай албайм, аялымдын боюнда да бар, мен сени сүйөм, аны таналбайм дегениңди.

- Ошондо айткан эмес элең го?

- Өз убагы келээр деп ойлогом, бизди апам көтөрүмдүүлүккө, чыдамдуулукка үйрөткөн. Намысты бекем тутабыз, анын үстүнө мен энемин, балага эненин сүйүүсүндөй сүйүү жок деп ойлойм!

- Акылдуум менин, мен сага ыраазымын!

- Аның мен үчүн аз, сен Гүлжамалга жардам бербесең болбойт, абалы өтө оор.

- Билбейм, Мээрим, сен мени туюкка камап салдың, ал эми сүйүү жөнүндө сурасаң, азыр сени күндөн күнгө сүйүп баратам, аны ойлогонго чамам да жок.

- Антсең жаңыласың, ал сен кайрылып барсаң өзүнө келиши мүмкүн, болбосо адам катарынан чыгып калышы турган иш.

- Дарегин билиш кыйын, кайдан табам?

- Дареги сенин блокнотуңда жазылып жүрбөдү беле? - Ал Дуулатты сынай карады.

- Аны да билесиңби? - аялына уурусу кармалып калгандай аргасыз жылмайды.

- Балким ал өзү жазып блокнотко салып койсо керек, сен байкаган эмес чыгаарсың.

- Мүмкүн... - Дуулат эмне деп айтаарын билбей отуруп калды.

Күндөр өтө берди, Мээрим эки баласы менен алпурушуп өз бактысына өзү ыраазы: "Балким, Кубатка тийсем мындай болбойт беле, ушул заманда кыйналыш дегенди билбей кардым ток, кийимим бүтүн, балдарымды ойдогудай багып үйдө отурам, диплом алып алсам, балдар чоңойсо кесибим боюнча иштеп алам", - деп ойлоп, капарсыз жашоонун кучагында.

- Апо-ов, - оюн Актан бузду, - Апа, атам качан келет?

- Келет, уулум, келет.

- Атам келсе машинага түшөм ээ?

- Ооба, түшөсүң, балам.

- Айслан да түшөбү?

- Ал кичинекей да, чоңоюп сендей болуп басканда анан түшөт.

- Аа-аа, качан басат?

- Жакында.

- Эйтеңби?

- Сендей болгондо, бою сендей боюп чоңойот.

- Бат эле чоңойбойбу, мени менен ойнойт эле.

- Бат эле чоңойот, бул чоңойсо сен мындан да чо-оң болосуң.

- Мен дагы чоңойомбу, кандай болуп, атамдай болуппу?

- Ооба, атаңдай болосуң.

- Ошондо Айсланды жетелеп ойнотом ээ?

- Тилегиңден айланайыным десе, экөөңөр жетелешип ойнойсуңар, окуйсуңар, - Мээрим уулун кучактап элжирей бакытка магдырай отуруп кыңылдап ырдап коюп жумушун жасоого киришти. Актан Арсланды ойнотуп оюнчуктары менен алаксытып жатты. Ан сайын улам эки жөжөдөй болгон уулдарын карап коюп кубанычы койнуна батпай өзүнчө эле бактылуу. Дуулат келгенде күндө жылмая тосуп алып, астына тамагын коюп, сүйкүмдүү жар. Бирок ал айтканынан кайтпады:

- Дуулат, сен менин айтканымды качан аткарасың, жок дегенде бир жолу абалын билип койдуңбу?

- Жок, жок, жаным, кыйнаба. Ага барып силерди жоготуп алгыдай алым жок.

- Сен андай десең, Дуулат, чоң жаңыласың. Жок дегенде бир адамдын сообуна калып жакшы жолго сала албасаң, анда сенин адамдык касиетиңдин жоктугу, эгер ага барып абалын билбесең чындап сенден кетебиз! - Мээрим кабагын бүркөй сүйлөдү.

- Ал эмне дегениң, тынч эле жашай бербейлиби, Мээрим? Ал өз тагдырынан көрсүн, мен бузуп же аны ошол абалга келтирген жокмун да?!

- Сен гана, анын ошол абалга келишине сен гана күнөөлүүсүң, эми аны сен гана оңдой аласың, болбосо...

- Мени кандай кыйноого салып жатканыңды билесиңби?

- Бул сени кыйноо эмес, чындыгында мен сага чын ниетимден айтып жатам. Аны калыбына келтирип, аялдыкка алышың керек!

- Кызык, - Дуулат Мээримдин калп айтып сынап же чындап айтып жатканына түшүнө албай, аялын карап отура берди, - Бул буйрукпу же мажбурлообу?

- Дуулат, сен бизди жоготуп алат экенмин деп эч качан коркпо, кудайдан соопту кантип табабыз, сөзсүз аны никелеп алып жашап, көңүлүн буруп, аз да болсо жайгарып жанында болсоң, оңолуп кетет. Бизден коркпо, келсең баягыдай эле тосуп алабыз, сен биздин кожоюнубуз экениңди унутпа! - Мээрим күйөөсүнө эркелей кетти, - сен сөзсүз ошентишиң керек, бул буйрук!

- Аракет кылып көрөйүн.

- Көрөйүн эмес, ошентишиң керек, биз бир үйбүлө болобуз, мен сени андан кызганбайм, кандай татынакай келин эле, азыркы кейпин көрсөң... - Кайра кабагын бүркөй ойлуу боло түштү. - Дуулат, ошентесиңби?

- Болуптур, - Дуулат ыргылжың болгондой үн катты.

- Алтыным десе, сен акылдуу, билимдүү жансың, баарына түшүнүшүң керек.

- Айтканыңдай кылып күндүзү барып ага жакшылап түшүндүрүп, көңүлүн көтөргөнгө аракеттенем, бирок никелеп алууга каршымын!

- Адегенде барып оңдочу, анан көрөбүз.

Ошону менен сөз бүтүп, Мээрим төшөк салып кирди, эки уулу эбак эле уйкуга мемиреп жаткан. Дуулат чылым түтөтүп жатып, Мээримдин ушунчалыкка барганына таң калып турду: "Мындайга ар бир эле аял бара бербейт, ал турсун кайра табалап, ийи, тиги сүйгөнүң тигинтип калыптыр, минтип калыптыр! - деп кулак-мээни жемек, көрсө Мээрим абдан акылдуу, пейили кенен, дүйнөдө чанда жолукчу аялдардан тура, ээ жараткан, ушуга туш болгонума шүгүр", - деп өзүнчө кудайга ыраазы болуп алды.

Эртеси ал жумушуна келип, врачтар менен медсестраларга жыйын өткөрүп койду да, Гүлжамалды көздөй жөнөдү. Ал келгенде Гүлжамал эшигинин алдында кусуп отурган экен.

- Гүлжамал, кандайсың? Эмне, кусуп жатасыңбы?

- Кандайын сурайсың, эки күндөн бери кусуп атып алым кетип калды, аракты иче берип боорума күч келген го.

- Тез арада ооруканага барышың керек экен. Тур ордуңан, кийинип чыга кал, ооруканага барып текшеришим керек! - Дуулат аны колтуктай бергенде жагымсыз жыт бур дей түштү.

- Мени жайыма кой, Дуулат, өлсөм арманым жок, эми мен жашап кайсы жыргалды көрмөк элем, баары бүттү... - Гүлжамал колун шилтей ордунан козголбоду. Алдындагы кусундусунан уюган канды көргөн Дуулаттын жүрөгү шуу дей түшүп, дароо сыртка жөнөдү. Ал керектүү ийнелерин, дарыларын алып келип, үйүнөн эле кароону чечти. Дароо барып ийне дарыларын алып келди да, тамырын кармап көрүп, асма дарыны куя баштады.

- Дуулат, мени жайыма эле койсоң боло, менин эми эч кимге керегим жок, ушундан көрө өлгөнүм жакшы эмеспи.

- Гүлжамал, эсиңе кел, мен сени өзүм айыктырам, болгону тилимди алсаң болду.

- Ай кудай ай, кыйналдым го, - Гүлжамал тетири карап жатып үндөбөй калды. Дуулат аңгыча тамак-аш алып келип Ырысбекке берди:

- Апаңа кайнатма жасай гой, - кайра ойлонуп, Ырысбекти карады, - Ой, сен тамак жасаганды билесиңби?

- ооба, жасай алам.

- Анда жасап өзүңөр да ичип, апаңа бергиле, арактан ууланган тура, этиет кылбаса болбойт, - деди да, Гүлжамалдын маңдайында отура берди. Бир убакта эсине бирдеме түшө калгандай сыртка чыгып Ырысбектен сурады:

- Ырысбек, коңшуларыңдан бирөө жарымы акысына үй жыйнап берээр бекен?

- Билбейм.

- Анда мен азыр... - Ал шашыла сыртка чыгып, машинасын айдап барып базардан жумуш издегендерден бир кызды алып келди да: - ушул үйдүн баарын жыйнап, кир-когун жууп, эки-үч күн бул аялга тамак-аш даярдап карап тур, акыңды аласың, - деди.

- Үч күнгө канча бересиз?

- Беш жүз сом жетеби?

- Макул байке, - кыз илбериңки кыймылдап кирди. Илмийген жаш, карапайым айылдык кыздын кубана түшкөнүн көргөн Дуулат: "Бечара, жетишпеген үйдө чоңойсо керек, кайран жаштык, кой күнүнө жүздөн деп беш жүз берип койойун" - деп ойлоду:

- Чоң кыз, айына 2 миң сомго иштейсиңби, мүмкүн жакшы болуп өзү жумуш жасаганча каралашып тураарсың?

- Эгер сиз жумуш акымды ай сайын берсеңиз, иштей берем.

- Азамат кыз экенсиң. Тамак-ашың, кийим-кечең менден болот, мынабу балдардын кийимин жууп тазалап, киринтип койчу.

- Макул байке, - кыз ага деле макул болду.

- Ата-энең менен турасыңбы?

- Жок, ата-энем айылда.

- Канчадасың?

- Он жетиде.

- Шаарга качан келдиң эле?

- Жакында эле.

- Жакшы-ыы. Анда жашап иштеп жүрө бер, Гүлжамал жакшы айыккыча бул жерде болосуң.

- Ийи, - деп коюп дале карбаластап өз ишин так аткарууга далбастап жатты.

- Азыр балдар менен тамактанып ал дагы, шашпай жасай бер! - Дуулат Гүлжамалдын тамырынан ийнени алып, жылуу жаап койду.

- Дуулат, сен мени айайм деп үйбүлөңө жаман көрүнүп калба, мен ансыз деле мындан ары ичпейм, чынында ойго алдырып койдум, сага ыраазымын.

- Али эрте, жакшыраак дарыланбасаң болбойт. Тамак ичпей эле арак иче бергенге ички органдарың бүт жабырланып калыптыр. Кайнатма гана ичишиң керек, эми тынч жат. Айзат сени карап турат. Мынабу дарыларды ичип тур, эртең эрте келип, дагы асма дары куям, - деп дарыларды бергенде Гүлжамал ага карады:

- Бул дарыларды кымбатына карабай алып келипсиң го, Дуулат. Менин айымдан үйбүлөң менен араздашып калбасаң экен.

- Кадырың жан болсун, Мээрим өзү жөнөтүп, сага жардам берүүмдү өтүнгөн.

- Ыраспы? - Гүлжамал унчукпай калды: "Тобо-о, ушундай дагы пейили кенен аял болот экен ээ, эгер мен анын ордунда болсом кантээр элем?!" - деп ойлуу жатып калды.

- Кой анда, силер тамактангыла, мен барайын, сен өзүңдү кара, макулбу? - Дуулат анын үстү-башын кымтылай чекесинен өөп коюп чыгып кетти.

- Жакшы бар! - Гүлжамал угулаар-угулмаксан гана оозун кыбыратып, көздөрүнүн кычыктарынан куюлган жашын көрсөтпөй ары карап кетти...

***

Чачыкей эне уулун үйлөнтүүгө камылга көрүп жатты. Кубат менен Перизат да бир бирине көнүшүп, турмуш курууга макулдашкандай. Бул кезде Перизат университетке тапшырып өтпөй калды. Аны Кубат жубатып:

- Быйыл болбосо келээрки жылы деле тапшырасың, андан көрө жакшылап даярданып анан кел, сөзсүз өтүп кетесиң, - деп, ошол эле күнү Перизатты үйүнө алып келди. Эки курбу уул-кызынын бактылуу болушун каалап кубанып калышты. Перизат да Кубатка турмушка чыкканына нааразы эмес. Кубат анын жаштыгына, сулуулугуна канчалык ыраазы болуп жашоого бел байлаганы менен, жүрөгүнүн түпкүрүндө Мээримдей сүйө албады. Анын арсар ойдо жүргөнүн, көңүлү башканы эңсеп, башканы кааларын Перизат кайдан билсин. Кубат канчалык жанында эркелеп, аялдык назын көрсөтүп турган аялына берилип өөп, эркелете ойногону менен, көз ирмемдерине Мээримдин эки бетиндеги уячасын, бажырайган жүзүн, жылмая караганын элестете калып кыйналып, бираз жумуш кылып алаксып, өзүн алагды кылган ойлордон алыстай түшөт.

- Апа, - деди бир күнү Перизат кайненесине, - тиги сандыгыңызда эмне бар, көрсөм болобу?

- Ээ балам, аны көргөндө эмне, мен эскирген адаммын, катылган буюмдарым да эски, - Чачыкей эне келининин бу жоругун жактыра бербеди.

- Коюңузчу, эски болсо деле көргүм келет да, сиз эми карып калбадыңызбы, баарын сатып эле борбордон үй алып көчүп кетпейлиби, шаарда жашаган жакшы эмеспи.

- Эмне дейт, ботом, шаардан алыс деле эмеспиз, жыйырма сом менен барып, жыйырма сом менен келебиз.

- Ошентсе да Кубаттан башка балаңыз болбогондон кийин дүнүйөңүздү катып эмне кылат элеңиз, шаарда ысык суу, муздак суусу бар үйдөн алып алсак сизге да жакшы эмеспи.

- Кой айланайын, андай кебиңди мага угузба, мен шаар-паарыңа барбаймын, ушул үйдө өлгөнчө болом, өлсөм сатасыңарбы, өзүңөр билгиле! - эне ордунан этек-жеңин кага туруп кетти, келининин сөзүн жактырбай.

"Жалгыз баласы болсо аянмак беле, ойдогудай жашап өткөнгө не жетсин, менин сөзүмдү кыйбайт, өзүмдү өзүм билем, Кубат болсо тилимден чыкпайт", - деп жүргөн Перизат кайненесинин бул пейилинен андай болбосун түшүндү да, күйөөсүнө:

- Кубат, апамды көндүрүп, шаардан баардык шарты бар үй сатып алып иштебейлиби, жалгыз баласы болсоң сенин сөзүңдү эки кылбайт болуш керек? - деп айтты эле, ал ага муюгандай:

- Чын эле, чогуу эле шаарга кетип калалы, мага да кесибим боюнча иш чыкпай жатат, апама мен айтайын, - деди кубана.

- Шаарга барсак мен да иштейт элем, үйдө үңкүйбөй, китепканаларга барып келээрки окууга да даярданышым керек.

- Макул, сен айткандай болот, - Экөө сүйлөшүп отурганда Чачыкей эне кирип ордуна отурганда Кубат ага карады:

- Апа дейм, шаарга көчүп кетели, Перизат дагы окуусуна даярданыш керек, эмки жылы окууга тапшырбаса болбойт, менин кесибим боюнча жумуш жок, мектептерге барсам майда класстарды берет, жогорку билимим менен кантип жаш балдарга сабак берем?

- Уулум, - Чачыкей эне салмактуу сүйлөп уулун карады, - Ойлончу, атаңдын өз колу тийген дубал, баскан жери, ушул жерди таштап силер менен шаарга кетип калсам атаңдын арбагы мени кечирбейт го, андан көрө силер шаарга барып иштесеңер иштеп, окуп өзүңөрчө боло бергиле, мен өлмөйүн биерден эч жакка кетпейм!

- Апа, - Перизат бир жактан чыкты, - сиз биерде жалгыз калмак белеңиз? - Кубатка көзүн ымдай сүйлөдү, - андан көрө үйдү... - деп келатканда эне наалып кирди:

- Мени жалгыз калат деп кейибегиле, эл-журт, колу-коңшу бар, - улутунуп алды, - Аттиң, дайым эле өзүң ойлогондой болбойт тура.

- Апа, кейибеңизчи анчалык, сизди жалгыз үйгө таштап басып кетчү мен эмесмин, - Кубат апасын ойлуу карады, - иштебесем жок, сиздин маңдайыңызда болоюн.

- Кызыксың го, Кубат, элдерди көрбөйсүңбү, иштеп үйлөрүн оңдоп, чоң бизнес менен жашап жатышпайбы. Кары кишинин оюу менен боло берсең убакыт өтүп ушул жерде кароолчудай өмүр өткөрө беребиз да!

- Ой келин, бу сенин эмне дегениң ыя, өзүм каалап алып колум узарып, көңүлүм тынаар деп жүрсө, - эне таарынып ары бурулуп отуруп калды.

- Апа, таарынбачы, мейли сиз айткандай эле болсун, - Кубат апасынын көңүлүн жубатууга аракеттенгенде Перизат тултуңдап чыгып кетти. Экөөнүн ортосунда убараланган Кубат эмне кылаарын билбей үйдөн чыгып кетти. Чачыкей эне төшөктү үстүнө чүмкөй жаап жатып алды. Күнү кечке Кубат үйүнө келбей достору менен ичип жүрүп кечиксе да, энени чай ич деп Перизат чакырбады. Өзү тамак жасап ичип жатып алды. Эне жүрөгү зырпылдай уулун ойлоп, өзү тандап алган келининин ойдогудай болбой калганына зээни кейип күүгүмдө жаткан ордунан туруп казан-аякты калдыратып жасалган тамакты ысытып жалгыз ичип отурганда Кубат келип калды:

- Апа, эмнеге жалгыз отурасыз, Перизат кайда? - ал кызуу экенин билдирбей ички бөлмөгө өттү. Эне уулун узата карап эч нерсе дебеди. Уктап жаткан Перизаттын жанына келген Кубат аны кучактай жата кетти, - Перизат, апам жалгыз отуруп тамак ичип жатыптыр, сен эмнеге жатып алдың?

- Отура берсин, сенин тилиңди албаса жалгыз калаары бышык, мен шаарга кетпесең үйүмө кетем да, окууга даярданышым керек! - ал көзүн ачпай жооп бергенде Кубат секирип кетти:

- Ал эмне дегениң?! Жалгыз таштап кайда кетем, айтчы? Ансыз да өмүрүн мени тарбиялоого жумшаган байкуш апамдын көңүлүн оорутканыбыз болбойт ко?

- Ал сенин ишиң, а менин ишим, оюм - окууга тапшыруу.

- Кой, Пери, тилимди алсаң, балалуу болсок апама эрмек болот, анан сен окуйсуң, баары жайында болот.

Перизат жаткан жеринен өйдө болуп, Кубатты карады6

- Мен окууга тапшырып өтүп калсам, окууну бүтмөйүн эч качан төрөбөйм!

- Эмне үчүн, төрөшүң керек, апам балалуу болгонумду күтүп жүрбөйбү.

- Балалуу болсом да апаңа карматпайм!

- Анда Перизат экөөбүз жашай албайт экенбиз, ушундайдан тынч эле ажырашып алганыбыз жакшы го? - Кубат өйдө туруп чылым күйгүздү. - Мен апамды кыя албайм, анын жападан жалгыз үмүтү менмин, билсең.

- Мени эч нерсе кызыктырбайт, эртең менен кетем, болду көп сүйлөп тынчымды алба! - деп тескери карап жатып алды.

- Өзүң бил! - Кубат сырткы үйдө отурган Чачыкейдин жанына келди, - апа, Перизат экөөбүз жашай албай калдык, эртең ал үйүнө кетмек болду.

- Уулум, сөзүңөрдүн баарын уктум, сен мен үчүн кыйналбай шаарга кетсең кет, мен биерде жашай берем, эл-журт бар, бөрү жемек беле? - ойлуу айтты эне муну, көкүрөгүн ыза тээп, жаш балача ыйлап ийгени турган эненин үнү буула чыкты: "Аттиң, өзүм каалап алып берсем ойдогудай болоор, кол бала эмеспи дедим эле, болбой калды, уулумдун тагдырын талкалабайын, жашай беришсин", - деген ойдо отурду.

- Жок апа, мен аялды ээрчип сизди жалгыз тамга таштай албайм! - Кубат эшикке чыгып кетип ошол бойдон кирбеди, түнү бою эненин жүрөгү ооруп уйку көрбөй Кубатты ойлоп таң ашырды. Эртеси Перизат кийимин көтөрүп кетип калды. Ал оюнда Кубатты артыман барат деп ойлогон, бирок ага барууну Кубат ойлогон да жок. Тескерисинче, ал күндө ичип кызуу келип жатып алат. Эненин эзилип санаа тартканын сезип туюп, ал өз ичинен тынып санаадан арылуу үчүн ичип жүрдү. Бир күнү Сагын келди. Чачыкей сыртта жүргөн эле, курбусун көрүп кубана тосуп алды:

- Кел курдаш, кел! - экөө кадимкисиндей учурашып үйгө киришти. Чачыкей эне курбусунун алдына дасторкон жайып чай сунуп отуруп: "Өзү кеп баштасын, мен үндөбөйүн", - деп эч нерсе билбегендей. Көптөн кийин Сагын эне жүрөк өйүгөн көйгөйүн айтууга киришти:

- Курдаш, сен экөөбүз бала кезден бери курбу болуп жүрүп жаман-жакшы айтышкан жок элек, менин кызымдын мүнөзүнүн оор экенин жакшы билем. Кубат эмне дейт, жашай алышабы деги?

- Сагын, менде кайсы сөз, балдарга менин оюм түз эле, болгону мени үйдү сатып шаарга кетели дебесин, мен ушул үйдөн өнүп-өсүп, жаштыгым да ушул жерден өткөн, өзүң билесиң... - эне күнөөлүүдөй тунжурап отурду.

- Капырай, сени үйдү сат демек беле? - Сагын таң калгандай суроо узатты, - Ким сат дейт үйүңдү?

- Ооба, курдаш, мен калп айтмак белем, төрүмдөн көрүм жакын калганда кайда темселейм, алар жаш, ойноп-күлүп өздөрүнчө жашашсын, каршылыгым жок, Перизат да окуусуна даярданам дейт, каалашса барышсын.

- Балакет баскан менин кызымдын кылганы го, ботом, сен жалгыз калмак белең?! Окубаса окубай эле койсун, жалгыз балаң келиниң экөө кетип калса сенин абалың эмне болот?

- Жок, курдаш, мен эч нерсе болбойм, эл-журт бар, шаарга маршрут менен барып-келип турам, биерде эле го?

- Андай болбойт, ушу турган жерге барып-келип эле окуйт окуса, болбосо мен аны тыйып койом.

- Кой, эчтеме дебе, жашоо жаштардыкы, тоскоол болбойлу, - Экөө бир топко чейин сүйлөшүп отуруп, Сагын кудагыйына Перизатты көндүрүү үчүн сөз берип жубатып коюп кетти. Ошол күнү Кубат абдан мас болуп келди.

- Апа, Перизаттын мындай кыял-жоругун билбепмин, аны менен ажырашайын да, башка эле аял алайын, окуйм-чокуйм дебей үйдө отура турганынан.

- Кокуй чунак балам, эмне деп атасың, кой андай сөзүңдү кулагыма угузба, бүгүн Сагын кудагый келип кетти, эртең Перизат келип калат, андан көрө эртең менен барып ээрчитип кел!

- Барбайм, мен аны урбасам, урушпасам, өзү кеттиби, өзү келсин!

- Антпе садагам, кайненең менен учурашып, анан келинчегиңди ээрчитип кел, чын эле аныкы туура балам, силер жетелешип оокатыңарды кылып, очор-бачар болуп кетсеңер менин ырысым ошол эмеспи.

- Мен Перизатты ээрчитип эч жакка кетпейм, эгер кетем десе каршылыгым жок!

- Апей ботом, карыганда кайра-кайра катын алып мени кыйнагың келип жатабы?

- Апа, апаке, сени кыйнабайын деп ошентип жатам, болбосо мен Перизаттын тилин алып кетип калсам эл эмне дейт?

- Эчтеке дебейт, мен өзүм жооп берип жатпайымбы, Сагын экөөбүз да жаман көрүнүшүп калабыз. Сый бололу, Перизат жаш, ал да токтолуп адам болуп эсине келет.

- Ай билбейм, апа, ал экөөбүздү тең башкарып алгысы келип жүрөт.

- Кантип эле ошентсин, уулум. Жаш эмеспи, акыл токтотуп, жашоого баш ийбей койбойт. Сен аны түшүнүп, көтөрүп кой, айланайын.

Эне-баланын ошону менен сөздөрү бүтүп, өз ойлору менен алышып отуруп калышты. Эненин жүрөгү канчалык сыздап келини чорт кыял, чалпоорок чыгып калганына кейиген менен, уулунун тагдырын ойлоп, жашоосуна бөгөт болгусу келбей, болгон малын сатып шаардан бир бөлмө үй алып көчүрүп коюуну ойлонду. Кубат эртеси ыргылжың болуп турса да апасынын көөнүн кыйбай Перизатты алып келүүгө жөнөдү. Кубат келгенде Перизат кийинип алып жөнөгөнү жаткан эле, ал күйөөсүн көрө күлүп эле мойнуна асыла кетти:

- Мен азыр жөнөгөнү жаткам, ырас келип калдың, апам мага капа болгон жокпу?

- Эмнеге капа болот эле, ал таарынса мени сага жибермек эмес да.

- Сени апам жибердиби?

- Ооба, апам жиберди.

- Сенчи, мени сен сагынган жоксуңбу, сен мени сүйбөйсүңбү? - Перизат таарына тултуя ары басты.

- Перизат, болду эми, апам укса уят, жүрү апама кирип учурашайын, анан кетели.

Перизат аргасыз Кубат менен ээрчише үйгө кирди. Сагын эне карбаластап, Кубатты кучактап эки бетинен өөп, төргө өткөрдү.

- Отур, балам. Перизат, чай, тамагыңды алып келе кал, анан экөөң ээрчише апаңарды күттүрбөй барып калгыла.

- Мен бүгүн кетпей эле койойунчу, дагы эки-үч күндөн кийин деле барам, - Перизат кабагын бүркөй дасторкон салып жатып күңкүлдөдү эле, эне жини келе кызын урушуп калды:

- Ал эмнең балам, карыган кайненең болсо, ишенээри экөөң болсоңор, аны кейитпегиле, сыйлагыла, сен эне көргөн кызсың, кайненеге кандай сый көрсөтсөң, сен келинден ошондой сый көрөсүң, эсиңди жый да, күйөөң менен жетелешип жөнө, мындан ары өз бетиңче келгениңди токтот!

- Апа, урушпай эле коюңуз, каалабаса кала турсун, көңүлү келгенде барып калат.

- Ошо кантип болсун, өз ою менен болгудай турмуш буга оюнчукпу же эми кичине баласыңбы каалагандай иш жасагыдай?

- Мейли апа, биз өз оюна коюп койдук, эси болсо ойлоноор... - Кубат чыныдагы чайды ууртап дасторконго койду да, - Мен барайын, - деп тура жөнөдү.

- Перизат, тур жөнө! - Эне буйрук бере айтканда ал сумкасын көтөрө Кубаттын артынан жөнөөгө аргасыз болду. Үйгө жеткиче экөө тең үндөбөй келишти. Аларды көргөн Чачыкей эне кубана тосуп алды:

- Окшошкон садагаларым, ырас келбедиңерби, кеч кирип кетсе келбей калабы деп санааркап отурдум эле, - Эне келинин бетинен өөп, - Сагын жакшы жүрөбү? - деди үйдү көздөй келатып.

- Жакшы эле, - Перизат көңүлсүз, кайненесин жактыра бербей жооп берип өз бөлмөсүнө өтүп кетти. Кубат бул кыялына жини келе бир нерсе демек болгондо Чачыкей эне башын чайкап "үндөбө" дегендей болду эле, короону айлана басып кетти.

Эне тез арада келин-уулун бөлүп койбосо болбосун сезди да, колунан келишинче акча жыйнап, экөөн шаарга жөнөттү. Үй алалбай, акыры батир жалдап жашоого өтүп, Кубат мектепке иштей баштады. Перизат кайненеси топтоп берген акчасынын батирден ашканын майда-барат алып, өзү кийинип, калганына базарга отуруп соода кылам деп ээликти эле, тим койду. Жаштыгына, сулуулугуна чиренип: "Кубат мени сүйөт, мен аны сүйбөйм, жаштыгымды ойдогудай ойноп-күлүп өткөрүшүм керек", - деп шакылыктап сүйлөп, анча-мынча эркектерди көргөндө тамаша кылып тийише калып жүргөн Перизатка бир күнү контролер Бакыт орунга төлөөчү акчаны жыйнап келип туруп калды:

- Чоң кыз, эгер мени менен сүйлөшсөңүз сизди бекер тургузуп койом! - деп кулагына шыбырай кыйшаңдап калды.

- Койчу, чын элеби? - Перизат да ага көзүн сүзө жылмайып койду.

- Ананчы, мамиле түзгөндү билсең каерде болсо да тил табышса болот.

- Жигиттерди сөзүнө турбаган калк дешет, ишенсек болобу деги силерге?

- Ой-оой чоң кыз, өзүң турмушка чыга элексиңби ыя, сиздей кара көз сулууга жигиттер жанын берүүгө да даяр!

- Көрөбүз, - Перизат жаштыгынанбы же май токочтуу иште иштегендиктенби, толугунан келген мурутчан жигитти карап сырдуу күлүп койду.

- Бүгүн кечинде жолукпайлыбы?

- Кечинде үйгө барбасам күйөөм өлтүрүп койор.

- Аа-аа, өкүнүчтүү, күйөөңүз болсо эртең түштөнүүгө чакырам, барасызбы?

- Мм, билбейм, эртеңкиге чейин ойлонойун.

- Макул, сиздей сулуунун жанында отуруп бир чыны чай ичүү өзүнчө эле ырахат болсо керек, унутпаңыз, мен сөзсүз келем! - деген Бакыт көзүн кыса жылмая басып кетти.

Перизат негедир анын кеткен жагын карап, улам анын сүйлөгөнүн көз алдына келтире көпкө туруп калды. Кечинде батирине келсе Кубат өзү тамак жасап жаткан экен.

- Мынча эмне кеч? - Ал аялын карабай туруп сурап коюп жасап жаткан иши менен алектенип жатты.

- Соодага карадым, күндүзү анча эмес, кечкурун бираз соода жакшыраак болот экен... - Перизат күйөөсүнүн ушул алты-жети ай ичинде өзүнө жакшы көңүл коюп, сулуулугуна суктанып койбогонуна жини келип алды: "Эмне бул менин сулуулугумду сезбейби, баалабайбы, балким сүйбөйт чыгаар? Мен болсо муну бир көргөндө жактырып калып, ошону сүйүү деп ойлопмун, бирок мен алигиче сүйүүнө кабыла элекмин", - деп кийимин чечип, халат кийинип келип Кубаттын жанына отура кетти:

- Кубат, сен мени сүйөсүңбү? - деди ойлуу.

- Эмне болду? - Кубат аны чоочулай карады: "Буга бирөө сени сүйүп калдым десе керек", - деген ой заматта мээсин аралай өттү.

- Деги да. Деги сүйүп көрдүң беле же сен деле эки апамдын көңүлү менен мага үйлөндүң беле?

- Эмне, өзүңдү сүйгөн адамга жолуктуңбу?

- Жоок ай, деги сурадым да... - Перизат андан ары эмне дээрин билбей Кубаттын ийнине колун койо башын жөлөп отуруп калды.

- Мен сүйүү деген азапка кабылган эмесмин. Туура таптың - апабыздын айтуусу боюнча мамилең, өңү-түсүң мага жагып калып үйлөнгөм.

- Аа-аа, ошондой де, көрсө... - Перизат ойлуу отуруп, анан: - Ошон үчүн менин сулуулугума бир жолу да суктанып карап койбойт экенсиң да?! - деп сурады.

- Эмне, сени бирөө суктанып карадыбы?

- Мени баары эле "абдан сулуусуң, күйөөң кандай гана бактылуу, сендей супсулуу кызга үйлөнгөн..", - деше берет. А сен мени суктанып же эркелетип элдин күйөөлөрүндөй болуп периштем деп айтпайсың, - ал таарына ордунан турду.

- Эй, сен түшүнсөң, мен сенин сулуу экениңди билем, күндө эле "Периштем, ай сулуум, чүрөгүм.." дей берсем сен деле жадайт болушуң керек, андан көрө ынтымактуу жашасак ошол жетет го?

- Менин сага караганда жаш экенимди жакшы билесиң, али жыйырмага чыга элекмин, балким менин жандүйнөм сенин эркелетүүңө, көңүл буруп турушуңа муктаж чыгаар?

- Болуптур, алтыным, чүрөгүм менин, кел тамактаналы, кардың ачкан чыгаар... - Кубат Перизатты эки ийининен кармай өөп койду.

- Чарчаганда да кандай дейсиң, кечке кыжы-кужу. Базарда мээң ооруп кетет экен, күз болуп калса да ысык кайтпай жаман кыйналып кеттим.

- Сени ким кыйнады, базарга чыгам, соода кылам деген өзүң.

- Макул-макул, баарына өзүм күнөөлүүмүн, кой тамактанып алып эс алалы, сен деле чарчагандырсың, балдардын ызы-чуусунан.

- Ананчы, ошончодон бейбаш балдар көп класска туш болдум.

Экөө отуруп тамактанып, жатууга төшөк салды Перизат. Кубат: "Чын эле жаш, сулуу болсо эркектер кыя өтмөк беле, өзү дагы жеңил, жакшы айтып койгон эркек болсо кете берет кыязы, андан көрө...", - деген ойлорду ойлогондо келинчегин башка бирөө менен жүрүп алгандай кызганып алды. Анан аны көргүсү келбей ары карап жатып алды эле, Перизат артынан кучактап алды:

- Кубат, бери карап жатчы, же менден бат эле тажап калдыңбы?

- Эмне эле деп атасың, сенден тажагыдай эмне... - Кубат бурулуп келинчегин кучактай чекесинен өптү, - алигиче тентектигиң калбайт да, - эркелетип өпкүлөй кетти, - тентегим, периштем менин, - Перизатка ушул эле керек болуп турганбы, кыткылыктап күлүп, күйөөсүнүн төштөрүн сылай өөп коюп:

- Аа-ай, болдучу Кубат, кытыгым келип атат! - деп ого бетер кылыктанып, төшөктөгү назын көрсөтүп жатты.

- Эртең Кеминге барып келели, - Кубат оюндагысын айтканда Перизат:

- Сен Кеминге бара бер, мен соодага чыга берейин, - деди жактыра бербей.

- Эмнеге, апам жалгыз барсам томсоруп калат го, жалгыз келини болсоң күтүп калат да?

- Кудай билет апаңдын мени күтөөрүнө, сени шаарга алып баса бергеним үчүн көзүнө мокочодой көрүнүп жаткан чыгармын? - Перизат дароо чыйт этме кыялын көргөзө ары карап кетти.

- Өзүң бил, кой эми, таарынба, - Кубат ичинен тына аны көңүлсүз кучактай жатып калды, - билсең ал сени келининдей эмес, кызындай көрөт, - деди көптөн кийин улутуна.

- Ишенбейм!

- Ишенбесең ишенбе. - Экөө эки жакты карап жатып калды.

Эртеси ишемби болгондуктан, Кубат Кеминге жөнөдү. Перизат өз оюнда: "Кубатты баш ийдирип алам, айтканымды кылбай көрсүн, керек болсо жигиттерди чекесинен чертип тийип алам", - деп кыялданып ишине жөнөдү. Түш ченде Бакыт келип калды:

- Чоң кыз, кандай? Эгер каршы болбосоңуз түштөнүп албайлыбы?

- Аа-аа, сиз чакырсаңыз кой дегеним жарабас! - Перизат аны моймолжуй карап койду.

- Жүрүңүз!

- Азыр, товарымды эмне кылам? - Ойлоно түшкөн Перизатка Бакыт:

- Ойлонбоңуз, чоң кыз, убакыт күтпөйт, жаап койсоңуз тура берет, - деп колдон тартты.

- Макул, - Перизат товарын жаап, жанында отурган өзү курдуу кызга айтып коюп жөнөй берди. Алар ээрчише басып "насип" кафесине киришти. Орундукка отурушкандан кийин тамакка заказ берип, бир вино кошо алдырды Бакыт.

- Мен... мен ичкилик ичпейм, убара болбоңуз, анын үстүнө күйөөм билип калса... - Перизат ичкиликке каршылык кылганы менен ичинде: "Кубат үйдө жок, эмне болмок эле азыраак ичип койгондон", - деп ойлоп алды.

- Ошо кантип болсун, конок койдон жоош, мен сизди сыйлап жаткандан кийин тынч отуруңуз, - Бакыт шыпылдай алдыларына келген тамакты жылдырып, вилканы Перизаттын алдына коюп, анан винодон эки рюмкага куйду да, - Келиңиз анда, сулуу кыз, экөөбүздүн таанышкандыгыбыз үчүн алып койолу.

- Рахмат сизге, - Перизат жылмая колуна рюмканы алып оозуна алып барып ууртап кайра коюп койду.

- Жок, жок, Перизат, ошо кантип болсун, алып кой эми, сиз албасаңыз таарынып калам.

- Аздан эле алайынчы.

- Ушуну алып коюңуз, кийинкисин аздан аласыз, - Бакыт кыз-келиндердин аз-аздан алып, бираздан кийин кызый түшкөндө жигиттердин баардык шартына көнүп берээрин билип, эптеп биринчисин ичирүүгө далбастап жатты. көп кыз-келиндерди кылтагына илип далайды какшаткан жигит бул жолу Перизаттын өзүн ээрчитип келгенине корстон боло, алынын жетишинче чарк көпөлөк айлана берди, - Келиңиз, алып коюңуз, муздап кетмей болду, - каткыра сүйлөдү.

- Оо-ой, ширин эле турбайбы, - Перизат рюмканы көтөрүп алып таштап күлүп жиберди, - Мен вино ичип көргөн эмесмин, ширин болот экен, билбепмин.

- Мен атайын сен үчүн асел кошулганынан алганмын да, - Бакыт тамашалай күлүп, Перизаттын колун кармалады, - ушунчалык сулуу экенсиз, караганда көзүңүз көз күйгүзөт, күйөөңүз кандай бактылуу... - Көздөрүнө көзүн кадап туруп: - күйөөңүздү сүйүп чыктыңыз беле?

- Эмне үчүн антип сурадыңыз?

- Деги эле сурап койдум, айтсаңыз, сүйөсүзбү?

- Ооба, сүйүп чыккам, - Перизат ойлуу отуруп айтты, - ал мени абдан сүйөт.

- А сизчи? Бактылуусузбу?

- Мен дагы, биз ынтымактуубуз, бактылуумун!

- Жакшы экен... - Бакыт ойлуу боло калды: "Чын эле бактылуу болсо анда неге чоочун эркекти ээрчип келет, же жеңил ойлуу кыздарданбы, андай деле көрүнбөйт", - деп отуруп: - Алыңыз тамактан, - деди кайрадан күлө карап.

Биринин артынан бир куюлган винодон башы айланып бараткан Перизат:

- Мен мас болуп калбайын, кечке соода кылам, сизге рахмат сыйыңыз үчүн, кокус күйөөм келип калса таппай калат.

- Азыр, шашпай тамактаныңыз, барасыз да, өтө эле жаш туруп эмнеге күйөөгө тийип алдыңыз?

- Өзүм кааладым, жаш болсо болбойт бекен? - Перизат кабак чытый жооп кылды.

- Деги да, суроом орунсуз болсо кечирип коюңуз.

- Эч нерсе эмес, боло берет, - алдындагыны Бакыт менен кагышып алып ийген Перизат ордунан козголду, - ырахмат сизге..

- Өтө кичипейил назик кыз экенсиз, кайра-кайра ырахматыңызды жаадырганыңызга караганда, сулуулугуңуз да өзүңүзгө төп келишип, дүйнөдө сейрек кездешчү жандан турбайсызбы. Күйөөңүз сиздин ушул сапаттарыңызды билет болду бекен? - Бакыт кытмыр жылмайды.

- Эмнеге билбейт, ал мени базарга чыкпа дегенине карабай чыгып алгам, үйдө жалгыз эригем деп.

- Жакшы эмесе, туралы, - Экөө тең ордуларынан туруп эшикти көздөй жөнөгөндө Перизаттын башы айланып теңселе түштү эле, Бакыт аны колтуктай калды.

- Мен мас болуп калдым окшойт, - Перизат эптеп ага сүйөнө калып сыртка чыкты.

Сырттын таза абасына чыккандан кийин бир аз оңоло түшкөн Перизат Бакыт менен коштошуп ордуна келди да шамал жүрүп күн бүркөлө баштаганда товарын жыйып батирине келди. Ал келип эле жатып алып Бакыттын өзүнө карай айткан мактоо сөздөрүн эстеп: "Чын эле мени Кубат сүйөбү, сүйсө эркелетмек, ал мени сүйбөйт экен, эми келсе ачык сүйлөшөм да, ажырашам", - деп ойлонуп жатып уктап кетти. Ошол бойдон эртең менен башы зыңылдап ойгонду. Карды ачып калган экен. Туруп шорпо жасап ичти да, базарга чыккысы келбей жатып алды: "Эгер Кубат мени сүйбөсө, апасын таштап мени ээрчип келмек эмес, сүйөт" деп ойлонуп, анын окуу китептеринин арасынан окуп алаксыгысы келип, "Сынган кылыч" деген китепти таап окуганга алды да, жатып окуй баштады. Окуп жатып бетин ача берип Кубат менен түшкөн кыздын сүрөтүн таап алды. Экөө кыналыша түшкөн сүрөттү Перизат таң кала карап туруп: "Демек, бул кыз сүйгөн кызы окшойт, эмнеге аны албай мага үйлөндү, сулуу кыз экен", - деп өйдө болуп күзгү алып карана кетти: "Менден да сулуу го, бетиндеги чуңкуру абдан жарашыктуу экен, балким ал тийбей койсо керек", - деп ойлонуп жата берди. Китепти окугусу келбей ойлордун жетегинде мелтиреди. Анын эртеси да базарга чыкпады: "Кубаттан сурайын, ал чын эле мени эмес, ушул кызды сүйсө керек, чынында мага кош көңүл", - деп ойлонуп жата берди. Өзүнчө Кубатты белгисиз бирөөдөн кызганып ыйлап да алды. Бакыт эки күн келип Перизатты ордунан таба албады: "Күйөөсү кызганып чыгарбай койсо керек, кызуу барса сөзсүз урушту да", - деп ойлонуп өзү үйүндөгү төрөбөй жүргөн аялын көргүсү келбей Перизатты ойлой берди. Бакыт Кубат курдуу эле, аялы экөө он жылдай бирге жашаса да боюна болбой жүргөн. Ошон үчүн каалагандай кыз-келиндер менен көңүл ачып, кааласа үйүнө барып, каалабаса барбай койчу. Эки күн бою ал Перизатты ордунан таппай көңүлсүз жүрдү. Эгер оюна койсо Перизат макул болсо дароо эле үйлөнгүсү келген, бирок Перизат көзүнө көрүнбөдү.

Кубат үч күндөн кийин келип, келинчегинин үйдө экенин көрө алып келгендерин берди:

- Апам салам айтты, ысык-суукта отуруп ооруп калбасын, базарга чыкпай эле койсо болмок деди апам.

- Кантип?! Үйдө отуруп зеригип кетпейимби? Бооруңар оорубай эле койгулачы, - Перизат сүрөттү Кубаттын алдына таштады, - Бул ким?

Кубат сүрөттү көрүп көпкө ойлуу отурду да, кайра андан сурады:

- Кайдан таптың?

- Китептин ичинен, айтпайсыңбы, ким бул?

- Бул кыз, көрбөй турасыңбы кыз экенин, курсташ кыз… - Кубат калп айтты.

- Калп, курсташтарың менен ушинтип түшмөк белең, карачы кандай кыналышып, кучакташып алгансыңар..

- Койчу Перизат, сүрөттө эмне күнөө, жаш кезде, студент кезде болгон да, эмики сүйүүм сенсиң!

- Жалган ай, ушу сенин мени сүйгөнүң…

- Эмне кылышым керек эле, оюң менен болуп, каалаганыңды аткарып жатам, андан башка эмне жетпейт деги, кыйнап ийдиң го?!

- Сурап койдум, анын эмнеси бар, же сүйгөнүңдү эстетип жүрөгүңдү ооруттумбу?

- Эч нерсе.. - Кубат эмелеги кубанычтуу келгени эсинен чыга көңүлү кирдей суз жооп берди.

- Ал кыз азыр кайда ыя? - Перизат кайра сурады.

- Кайда экенин кайдан билем, алда качан күйөөгө тийип кеткен, эмгиче үч-төрт балалуу болуп калгандыр… - Кубат бир жагы аялынын көңүлүн жандырмакка, бир жагы өзүнүн дагы өчпөгөн үмүтүн өчүрүү үчүн кайдыгер айтты, бирок дилинде: "Байкушум ай, эгер өзүңө тагдыр кошконунда минтип кыйналбайт элем го?" - деп улутуна чалкасынан түшүп жата кетти, - чарчатып ийдиң да, ар кайсыны айта берип.

- Болду сүйлөбөйм, кел чай ич.

- Азыр, жолдо чарчадым, бираз эс алып алгандан кийин деле ичем.

- Өзүң бил, - Перизат жалгыз отуруп чай иче албай Кубаттын жанына катар жатып кучактап эркелей кетти, - сагындыңбы?

- Ии.

- Сагынганың жалган го?

- Дагы баштадыңбы, тынчыраак эс алдырасыңбы ыя?

- Сүйлөшпөй дулдуюп жата бересиңби, жалгыз кечке зериктим, улам жолуңду карай берип көзүм талыды.

- Чогуу кетели десем барбай койгон өзүң, апам дагы кейип калды, ээрчишип чогуу жүрсөңөр боло, ал жалгыз кантти деп сарсанаа болуп, мени эрте жөнөттү.

- Кубат, мен сенин апаң жөнүндө таптакыр уккум келбейт, ал жөнүндө кеп кылбай эле койчу! - тескери карап кетти.

- Апам дүйнөдөгү мен үчүн табылгыс адам, сен аны уккуң келбесе анда экөөбүз жашай албайбыз!

- Өзүң бил, айтканым айткан!

- Оюңа коюп койсо ашыкча тейтеңдейсиң да, экинчи апам жөнүндө оозуңа жаман сөз айттың дегиче эшикке чыгарып салам да, изиңди баспайм, - Кубат башын көтөрө ачуулана муну айтканда Перизат унчукпай калды. Экөө унчугушпай көпкө жатышты, Перизат төшөк салып өзү жатып алды. Тагдырына таарынып, өңүнө карап жаш аял алганына өкүнгөн Кубат ичинен тынып апасын ойлонуп ар бир балалык өткөн күндөрүн, эркелегенин эстеп уктабай көпкө ооналактап жатты. Акыры уйкунун жетегине киргенин билбей да калды.

Перизаттын бир мүнөзү бар: эмеле урушушса, кайра эле күлүп, эч нерсе болбогондой жаркылдап сүйлөй берет: "Деги мунун акылы кемби же жиндиби, дагы жылдар өткөндө кандай аял болот болду экен?" - деп ойлончу болду.

Эртең менен эрте экөө тең өз жумуштарына жөнөдү. Перизат келип товарын жайып эми чай саткан аялдан стаканга чай куйдуруп алган кезде Бакыт келип маңдайына туруп калды:

- Перизат, сага эмне болду, издей берип, келе берип жаман болдум.

- Эмнеге издедиңиз? - Перизат аны суроолуу карап жылмая назданып койду.

- Көргүм келип эле, алдагы кара көзүң, сулуу жүзүң уйку бербей тынчымды алып туруп алды.

_ Коюңузчу, күйөөсү бар аялга көзү түшкөн кантип болсун?

- Айла жок, ашык болуп калсам кантем?

- Антпеңиз, сиздин аялыңызга бирөө ушинтсе кандай абалда калат элеңиз?

- Кошуп бермекмин, - Бакыт шар айтты, - Перизат, жүрчү, соодаңды токтотуп экөөбүз бираз сейилдеп келели.

- Андай болбойт, соодам калып калат, кадырыңыз жан болсун, - Перизат жер карай ойлуу сүйлөдү, - ак никелүү күйөөм турса басып кеткеним болбойт.

- Суранам, Пери, бир жолу тилимди алып койчу, жөн эле сүйлөшүп, бираз отуруп келели?

- Макул, экинчи жолу минтип суранбайсыз ээ? - Перизат күлө карап дагы товарын жыйып кирди. Жанында отурган кызга карады, - карай турчу, азыр эле келем.

- Карай турайын, бирок жигиттер менен кеткен кыздар тез эле келе койбойт го? - тамашалай кетти.

- Жок, жок, бат эле келем, - Перизат уялганынан кызара түшүп, басып кетти.

Бакыт аны колтуктай басып стоянкада турган машиналардын бирине барып:

- Бизди паркка жеткирип койосузбу? - дегенде Перизат:

- Жок, ал жакка барбай эле койолу, мындай эле, бир азга… - деп шашып калды. Кантсе да бөтөн эркек менен басып көрбөгөнгө элдин баары аны карап шылдың кылып: "Карасаң, күйөөсү туруп башка бирөө менен жүргөнүн", - деп аткандай туюлуп кетти.

- Эми эле келебиз, бир аз эле эки саатка, - деген Бакыт аны таксиге отургузуп жөнөп кетти. Паркка келгенден кийин Перизатка балмуздак алып берип, оюндарды көрсөтүп жүрүп, - сүрөткө түшөлү, - дегенине каршы болуп койду.

- Капа болбоңуз, түшпөй эле койолучу.

- Макул эми, аял деген сендей болсо, никесине кара санабаган.

- Сиз мени жеңил ойлуу көрбөңүз, биринчи күйөөм, али балалуу да боло элекпиз, мен бирөөнүн көңүлүн калтыра албайм, сизди сыйлап эле…

- Рахмат, Пери, ыраазымын сага! - Бакыт парктын ичиндеги кафенин бирине алып кирип тамак-аш заказ берди. Экөө көпкө сүйлөшүп отуруп тамактанып бүткөндөн кийин Бакыт: - Пери, мен сени сүйүп калдым окшойт, чынында сени көргөндөн бери жаным жай албай кыйналып жүрөм, канткенде сенсиз жашоом өтөт билбейм, сен болсо күйөөңдүн койнунда жыргап уктап жатсаң, мен сени ойлоп уйкусуз таң атырып күнүм түнгө айланды го? - ал Перизаттын колдорун кармалап аярлап оозуна жеткирип өөп койду. Келиндин жүрөгү "зырп" этип алды: "Тобо-оо, ушундай дагы эркек болобу, эркиңди бийлеп алган. Кубат адеп жолукканда деле минтип колумдан өөп, сүйүү сөздөрүн арнаган эмес, чын эле бул сүйүүбү?" - деп ойлуу мелтиреп отуруп калганда экинчи ирет колун сылай кармап өөп койду.

- Мен кетейин, - Перизат чоочугандай ордунан турганда Бакыт аны акырын отургузду:

- Биз али тамактанып бүтө элекпиз да, отура тур! - деп бир бөтөлкө вино көтөрүп келди, - биз эми жакшы таанышпыз, жок дегенде дагы бир жолу бир жакшыраак отуруп винодон ичип көңүлүбүздү көкөлөтүп алалы, сендей периштенин жанында болуу мен үчүн кандай ырахат экенин сезсең кана, аттиң! - Бакыт армандуу сумсая Перизатты карап, - Келчи жаным, ушул винодон алып койчу! - деп эки рюмкага винодон куюп, бирин Перизатка берип, бирин өзү алды да, - Кана, сүйүктүүм, ушуну экөөбүздүн алдыдагы ынтымагыбыз үчүн алып койолу, - деди.

- Макул, көңүлүңүз калбасын, мен күйөөсү бар, башы бош эмес аялмын, сиздин көөнүңүз үчүн алайын! - Перизат винону алып ийди да, Бакытты жоодурай карады.

- Жаны го! - Бакыт Перизаттын колдорун кармалап өөп жанталашып жатты. Өзүн ыңгайсыз сезген Перизат ордунан туруп жөнөгөндө Бакыт аны колдон алды, - Кайда, мени таштап кеткиң барбы?

- Жок жо-ок, эми он мүнөткө, ээ? - Бакытка карай жылмая күлдү.

- Болуптур, баардыгы жарым саатка! - Бакыт эки рюмкага винодон куюп жатканда Перизат ары карай ажаткана жакка басты. Аны көргөн Бакыт дароо анын рюмкасына уйкунун дарысын салып койду да, эч нерсе билбегендей отуруп калды. Перизат кол жуугучка колун жууп, өзүн күзгүдөн каранып:

Чын эле мен абдан сулуу турбайымбы, неге Кубат менин сулуулугума көңүл бурбайт?! - деп көпкө ойлонуп туруп, өткөндө көргөн Мээримдин сүрөтүн эстеди, өзүнүн жүзүн карап туруп, - Менин ууртумдун чуңкурчасы жок тура, аны ошол эки ууртундагы чуңкурчасы ого бетер сулуу көрсөтүп койот экен, ошон үчүн Кубат аны унуталбай жүрсө керек, көрсөтөм мен ага ким сулуу экенин, же мени менен каласың, же кыялыңдагы сулуу кыз менен каласың! - деп ойлонду да, колун жууп, чачтарын салаалап сылап Бакыттын жанына келди.

- Оо, кел сулуу, күтө берип тажап кеттим го? - Бакыт аны көрө ордунан тура алдынан тосо колтуктай калып столго отургузду, - Сизди кетип калды го деп жаман абалда калган элем.

- Кантип эле, сиз менен коштошпой кетип калуу мага осол болот го? - Перизат наздуу жылмая стулга отурду.

- Ошону айтам да, сиз кечиксеңиз санаам санга бөлүнбөдүбү, - Бакыт жасакерлене официантканы чакырды, - Чоң кыз, бизге куурулган балык алып келиңизчи!

- Азыр! - Официантка арытан үн салып, кардарлар менен эсептешип койду да, куурулган балык көтөрүп келди: - Мынаңыз.

- Рахмат! - Бакыт рюмканы Перизатка карматып, өзү бирин алды да: - Кана эмесе, Перим, мени сизге жолуктурган кудайга миң ыраазылыгымды билдирип, сиздин денсоолугуңуз үчүн алып койолу! - деп бир колу менен Перизаттын сол колун кармап: - Келиңиз сиз үчүн! - деди күлүмсүрөй.

- Сизге ырахмат, - Перизат жигитти сын көз менен карап: "Кызык, эркектер бөлөк аялга ушундай мамиле жасаган менен, өз аялына суз болушат го, Кубат деле башка кыз-келиндерге ушинтип жалбарат болуш керек", - деп ойлуу боло калганда Бакыт:

- Перим менин, анчалык эле ойлоно бербечи, күйөөңдү абдан сүйсөң керек, жаныңда чарк айланган шайтан көпөлөктөй күйпөлөктөгөн мени теңиңе албаганың мен үчүн өкүнүчтүү, - деп чылым күйгүзүп ордунан тура анын жанына келди: - Бир мүнөткө күйөөңдү ойлонбой мен жөнүндө деле ойлоп койчу! - деп Перизаттын ийнине колун коюп шыбырады: - Менин көпөлөгүм, алып кой эми..

- Мен кечигип жатам, товарым да калды, кетсек кантет? - Перизат Бакытты тынчсыздануу менен карап суранып ийди: - Мен кетейин, дагы бир күнү жолугабыз, - ордунан тура жөнөдү.

- Ой, ой, Перизат, бир мүнөткө, мына муну алып коюп анан чогуу чыгалы ээ? - Ордунан тура калып аны кайра отургузду: - Мына муну алып койсоң!

- Макул, макул, башка ичпейбиз ээ?

- Ооба, башка куйбайм.

Экөө стакандарды кагыштырып алып жиберип, Бакыт эсептешти да, жолго чыгышты. Жол боюндагы тизилген таксилердин жанына келип бирөөнө отурушту да, базарды көздөй жөнөп келатканда Перизат башын Бакытка жөлөгөн бойдон уктап калды. Анын уктап калганын байкаган Бакыт таксистке өз дарегин айта салды. Эшиктин алдына токтогон таксиден келинди абайлай көтөрүп үйүнө киргизип, диванга жаткырды да, базарга жөнөдү. Товарларын жыйып үйүнө алып келип караса, ал дале уйкуда жаткан экен. Уйпаланган саамай чачы жүзүнө түшүп, аны ушул учурда ого бетер сулуу көрсөтүп турган эле. Эки күн мурун төркүнүнө кеткен аялын ойлогон Бакыт: "Мейли, көрсө көрсүн, баары бир ажырашмакпыз, көргөнү жакшы", - деген чечимге келди. Аңгыча тамак жасап жиберди да, Перизаттын эч нерсени сезбей уктап жатканына суктана, анын жанына жата кетти. Бирок чын дили менен берилип сүйгөндүгүбү же анын адамдык абийирин төккүсү келбедиби, кучактап жатып өөп, көзү тойбой карап жатып уктап кетти. Түн бир оокумда ойгонгон Перизат башын көтөрө чоочуп кетти, өзүнүн диванда жатканына таң кала көзүн бардап ачып, чоочун үйдө жатканына көзү жеткенден кийин ыргып туруп жанында жаткан Бакытты жулкулдатып кирди:

- Бул эмне кылганыңыз, күйөөм мени издеп убара болду го, уятыңыз жок экен, эми кантип барам! - деп ыйлап жатты ботодой боздоп. Бакыт анын жулкулдатканынан ойгонуп кетип, эмне дээрин билбей бир азга делдейе үнсүз боло тура берди да, көптөн кийин гана:

- Перизат, эсиңе келчи, сен уктап калганыңдан кийин алып келдим, кайда алып барышым керек эле? - деп катуу ороңдой үн катканда келин мостойо түштү. Бакыт ага дары кошуп берип ою жаман бурулуп, бирок тийбегенин айткысы келбеди.

- Анан, анан эмне болду? Сиз мени.. сиз мени эмне кылдыңыз, айтыңызчы, эмне болду? - Жаштуу көздөрү менен жалдырай сурады Перизат.

- Эмне болмок эле, болду болоору, чоочун эркек менен бир түн түнөдүң…

- Эмне-ээ?! Ой кудай ай, эми эмне кылам, күйөөмө эмне деп жооп берем, товарым эмне болду? - Ыйлаганын токтотпой Бакытты жулкулдатканын коюп эки тизесин кучактай төшөктүн үстүндө соолуктай берди.

- Койчу, Перим, мен товарыңды жыйнап алып келип койгом. Ыйлабачы эми, кел эс алчы, али түн узун, - деген Бакыт аны сооротууга далбастап атты. Анын колдорун, эки бетин өөп, кучактай эркелетип, алсыз аялдын көз жашынан негедир чоочугандай уктатып койгонуна өкүнгөн менен, ички сезими: "Каалаган, жүрөгүң сүйгөн адамды алып келип алып, жөн жатып алганың эмнең, акыры ал сеники болот, андан көрө мунун төшөктөгү кылыгын көрүп, жыргалга батпайсыңбы?" - деп туруп алды. Баарына кайдыгер боло түшкөн Перизат ыйлап жатып, жашы түгөнүп калгандай нес боло анын өпкүлөгөнүн сезбегендей бир чекитти тиктеп отура берди. Ошондо гана Бакыт анын мойнунан кучактап, жүзүнөн өөп, төшөккө жаткырып алып көйнөгүнүн көкүрөгүн ача эки эмчегин кармалай: - Жаным, кайгырбачы, капа болбочу, сен уктап калбаганда үйгө алып келмек эмесмин, эч ойгонбой койбодуңбу! - деп жан-алы калбай, келинди эми тездик менен чечиндире баштады. Келин анын эмне кылып атканын сезбегендей же сезсе да: "Баары бүттү, эми баарына кайылмын, түнү бою мени койду дейсиңби, кантип гана Кубаттын көзүнө көрүнөм?" - дегендей мелтиреп шыпты тиктеп жата берди. Бакыттын аракетине каршылык көрсөтпөй же үн дебей сулк жаткан келинди энеден туума жылаңач кылып чечиндирди да, Бакыт бүт денесин сыйпалап өөп, бар өнөрүн жасап, эми точкасын тапкандай кол сойлоткондо келиндин да өзүн сылап бериле баштаганын көргөн жигит жанталаша ишке киришти. Мына жыргал деген! Аял-эркектин жашоодогу эң негизги жыргалынын ушундай кызык экенин Перизат сезбеген: "Тобо, ушунчалык адамдын жанын сууруп алчу ырахаты бар тура! Анан эмне Кубат мындай эмес, тез эле бүтүп, кайра уйкуга кирет? Же мени чын эле сүйбөйбү?" - деп ойлонуп жаткан келин бир аздан кийин үн чыгара шыбырап Бакытка жалдырап ийди. Көпкө чейин бир бирин ырахатка бөлөгөн экөө акыры махабаттын туу чокусуна жеттиби, шалдырай жатып калышты.

- Жаным, кечирип койчу, сени катуу сүйгөнүмдөн… - Бакыт Перизатты кучагынан чыгарбай шыбырады: - эч нерсе эмес, күйөөңө классташым жолугуп калып үйүнө алып кетип калды, коноктогончо кеч болуп кетип, келе албадым деп кой.

- Ошо кантип болсун, ишенбейт да, жанымдагылардан балким сурагандыр, сиз менен кеткенимди укса, товарды сиз жыйнап кеткениңизди билди го? - келин аргасы кете сүйлөдү.

- Эч коркпо, жаным. Эгер бирдеме десе өзүм эле алып алам!

- Кантип, аялыңызчы? - Перизат туруп отура калып суроо узатты.

- Аялымбы? - Бакыт каткырып жиберди, - аялымды бир мүнөттө кетирем, сен эле макул болсоң, баары жайында болот! - Бакыт да анын катарына отуруп келинди колтугуна кыса жүзүнөн өптү, - менин аялым төрөбөйт, ансыз деле биз ажырашмакпыз..

- Жашаганыңарга канча болду? - Перизат чын дили менен сурап, үйдүн ичин тегерете көңүл бура карады, - бул өзүңөрдүн үйүңөрбү?

- Ооба, өзүмдүн үйүм, аялым экөөбүздүн жашаганыбызга он жылдан ашты, - ойлуу келиндин жүзүнө тигиле карады, - Кыскасы, биз ажыратканга аракет кылып жүргөнбүз. Мага сен төрөп бересиң, ээ? - Бакыт аны эркелете чачынан сылап дагы өөп койду.

- Билбейм, менин күйөөгө тийгениме жарым жылдан ашты, боюма болбой атат, - деди ойлуу Перизат.

- Болот да, сен али жашсың, күйөөң экөөң сүйүшүп баш коштуңар беле?

- Билбейм, экөөбүздүн апабыз мурунтан бирге жүргөн курбулар экен, арабыз алыстап кетти деп экөөбүздү жолуктурган эле, анан үйлөнүп калдык.

- Ой кокуй десе, ортодо сүйүү болбосо кантип бала болсун, эрди-катын деген бир бирин сүйүп кошулганда гана ортодо бала болот, мен сени сүйөм, Перизат, сенчи, сен мени сүйөсүңбү?

- Айталбайм, мен чынында сүйүү эмне экенин да билбейм.

- Сүйүү деген адамдын жандүйнөсүн тынч алдырбаган сезим, мына сени көргөндөн бери менин уктабай таң атырган күндөрүм болду, аялымды көргүм келбей калган, билсең.

- Аялыңыз келип калса эмне болот?

- Эмне болмок эле, көрсүн менин кандай периште менен жатканымды! Кайра жакшы, көңүлү калат да, кете берет.

- Андай болбойт ко, менин али башым бош эмес, сиздин үйбөлүңүздү бузганым уят да.

- Жок, жо-оок, сен бузганың жок, жаракасы чо-оң ураганы турган дубалга окшоп турган мамилени тезирээк жок кылганыбыз кайра сонун болот.

- Ай билбейм, эми мен үйгө кантип, кайсы бетим менен барам, айтыңызчы?! - Перизат кайрадан ыйлап кирди.

Бакыт аны сооротуп:

- Үшүп кеттиң, кел жатып алып арга издейбиз, - деп аны төшөккө жаткырып кучактай кетти. Көпкө чейин экөө тең өз ойлору менен алышып жатып, уктап кетишти.

Таң эрте каалганын ачылганын байкабаган, туйбаган экөө тынч уйкунун кучагында эч нерсени сезбеген бойдон кучакташып жатканда Гүлайша кирип келди. Күйөөсү экөө жатчу диванда башка бир келин менен жаткан эрин көрө бир аз делдейе түштү да, атка чегинди:

- Оо кудай, бул эмнеси, мени мынча неге жазаладың, жараткан? Эгер төрөгөн аял болсом, бир эле балам болсо мынчалык кордобойт эле го?! - Гүлайша үнүн пас чыгара көзүнүн жашын мөлт-мөлт эттире шыбырай отуруп калды. Али таттуу уйкунун кучагында жаткан тигил экөө аны сезбеди. Күйөөсүнүн койнунда мемиреп уктап жаткан жаш, сулуу келинди көрүп өзүн басынтып жаткандай Бакытка жини келип: "Шүмшүк, талаада ойноп-күлгөнү аз келгенсип эми үйгө алып келе баштаганын, жок дегенде менин көзүмө карап койсо боло, биротоло басынткысы келген го, балким бул күндө бирөөнүн койнунда жатчу сойкудур, андай болсо мен муну азыр эле сүйрөп чыгам, сойкуга төшөгүмдү тебелетпейм!" - деп ойлоп жетип барып алардын үстүндөгү төшөктү тартып алганда экөө тең чоочуй тура калышты.

- Эй акмак, бул эмне кылганың ыя, кайдагы бир сойкуга менин, ак никелүү аялыңдын төшөгүн тебелетип.., - Гүлайша сүйлөп да ыйлап да жатты.

- Эмне деп жатасың, оозуңа карап сүйлө, соңкуну тапкан экенсиң, - Бакыт ордунан тура калып аялынын колундагы төшөктү тартып алды да не кылаарын билбей бүрүшүп отурган Перизаттын үстүнө ыргытты, - ал сойку эмес!

- Анан ким? - Толугунан келген ак жуумал узун бойлуу Гүлайша бир азга тайсалдай күйөөсүнөн жалкана сурады.

- Ал деген менин сүйгөнүм, мен сага мурун эле айтайын дегем, бирок акыры өз көзү менен көрсүн деп ойлогом... - Бакыт өзүн күнөөлүүдөй сезип күңгүрөнө кетти, - баары бир биз ажырашмакпыз, мен баласыз өткүм келбейт!

- Бакыт! - Перизат аны карай тынчсыздана үн катты, - ажырашпаңыз, мен кетем, эже мени кечириңиз, менин күйөөм бар!

- Токто, эмне деп жатасың, биз баары бир чечишип алышыбыз керек, а сен бул жерден эч жакка кетпейсиң! - Перизатка бул айтылган сөз октой тийди белем, унчукпай көзүнүн жашын агыза отуруп калды. Эки аялдын жүрөгүн канатып, көз жаштарын агызып кандай болуп кетээрине көзү жетпей, бирок өзүнүн эркек экенин билдире экөөнө тең айбаттуу, чечкиндүү болууга аракеттенди Бакыт. Чынында Перизатты эч жакка жибергиси келбеди, Гүлайшанын бул үйдөн кетпеске аргасы калбады. Эки ийнин солкулдата бетин баскан бойдон босогону көздөй жөнөдү, анын ушул үйдө бактысы, кымбат буюму жаткандай босогого жеткенде армандуу бир кылчая карады да чыгып кетти. Анын бурула бергенин башкача түшүнгөн Бакыт:

- Бул үйдөн ала турганың болсо бир күнү келип алып кет, кааласаң азыр ал! - деп кыйкыра артынан басты. Гүлайша бир топ узап кеткен, тагдырына таарынып дале ыйлап кетип жаткан.

- Бекер кылдыңыз, мен баары бир бош эмесмин да, ажырашуу оңой эмес, апам укса, агаларым билсе мени өлтүрүп койот.

- Өлтүрбөйт, мен сени коргоп алам, уктуңбу, коргоп алам! - Бакыт туруп кийинип аткан Перизатты кучактап, чолоо жерин калтырбай өпкүлөп ийди, - Мен эми сени эч кимге бербейм, жадагалса күйөөңө да бербейм, уктуңбу жаным?!

- Жок жоок, мен азыр үйгө эмес, ордума барып соода кылам, анан сөзсүз күйөөм келет! - деген Перизат үйдөн эптеп эле чыгып кетүүгө ашыгып жатты. Бирок Бакыт аны ашканасына киргизип столго отургузду:

- Азыр курсак тойгузабыз, анан шашпай барасың, мен жеткирип койом.

- Жок болбойт, эми менин жаныма барбаңыз, мени күйөөм өлтүрөт, - Перизат ордунан чечкиндүү туруп сыртка кадам таштады.

***

Дуулат үйүнө күндөгүдөн көңүлү көтөрүңкү келди. Кичүүсү да там-туң басып калган, Актан атасына жүгүрүп барганда ал дагы жыгылып, туруп эки колун сербеңдете:

- Ата, ата, бу-ум, - деп жетип калганда маңдайы жарыла кубанган Дуулат уулун жерден так көтөрүп ала койду.

- Садагам менин, күчүктөрүм десе! Кана уулум, кайда алып барайын, айтчы? - Актанга эңкейе берип сурады.

- Зоопаркка! - Актан атасына эркелей оюндагысын айтты.

- Эмне дейт, азыр кеч болуп калдыбы, тынч үйгө киргиле, болбосо... - Мээрим аларды көздөй чыбык алып кабак бүркөй жөнөгөндө Дуулат ортого түшө калды:

- Ой Мээрим, кантесиң, бала да, оюндагысын айтты. Ырас эле эртең түш ченде келип баарыңды зоопаркка алып барып келейин.

- Барбайбыз, бер алдагы Актанды тоспой колума, кызылдай кылып сабайын! - Мээрим болбой эле чыбыкты Дуулаттын калкалаганына карабай Актанга шилтей берди. Мындайды көрбөгөн бала ого бетер атасына жашына качып бекинип туруп алды. Дуулат болсо: "Кудай уу-ур, бул мени Гүлжамалга бар деп сынап артымдан жүрөт окшойт, ошого жиндеп жаткан го?" - деп ойлонуп:

- Мээрим, бул эмнең, балдарды коркутасың, сага эмне болду? - деп колун кармай калды. Ошондо Мээрим каткырып койо берди:

- Ай-иий, тим эле жаман корктуңар го ыя, мени чындап атат деп ойлодуңарбы?

- Өх, жүрөгүм түшүп калбадыбы, - Дуулат да күлүп Актанга карады, - уулум, апаң сени мен жокто ушинтип урабы, айтчы?

- Жо-ок, коркуп кеттим, ата, - Актан таарынгандай дулдуйду, - эмнеге коркутат апам?

- Эй бокмурун десе, силерди күндө ушинтип туруш керек экен, болбосо атаңар менен кошо сабайм, экинчи эркелебей жүр! - Мээрим уулун кучактап көтөрүп ала койду, - эми бир жакка алып бар дебейсиңби? - бетинен чопулдата өөп күлүп атты.

- Жок, антпейм.

- Барабыз, балдарым кайда алпар десе алпарам. - Дуулат күлө Мээримге карады, - Биз эми сенден коркпойбуз, ээ уулум?

- Ооба, коркпойбуз.

- Оо азамат, коркпой жүр, апаң урбайт, жөн эле тамашалап жатат.

- А мен чындабатат деп ойлогом.

- Апаң кандай жакшы, ал абдан сулуу, акылдуу, эч качан антпейт, биз менен ойноп атат.

- Апа, сен дагы ойнойсуңбу, ата сенчи?

- Ооба уулум, - Дуулат ойлуу колундагы Арсландын ууртунан өөп Актанга карады, - Ооба уулум, биз дагы ойнойбуз, силер менен...

- Ай дагы бираз күлбөй койо турсам машинаңар менен качмак экенсиңер ээ?

- Ананчы, уулум экөөбүз тең корктук, Арслан эчтекеден коркпойт, бул баатыр жигит болот.

- Ики, мен деле коркпойм, мен дагы баатыр болгум келет! - Актан атасынын колун кармай алдын тосту, - ата, мен деле баатырмын ээ?

- Ананчы, үчөөбүздү коркутам деген апаңар айбан, эки баатырдын жанында атасы эч нерседен коркпойт.

- Болуптур, болуптур мен жыгылдым, ата-бала мени жеңип кеттиңер, - Мээрим өзүн бактылуу сезе уулу менен күйөөсүнүн артынан ээрчип үйгө бакылдаша киришти. Кирип келген Дуулат таң кала Мээримди карады. Анткени столдун үстү конок келчүдөй даярдалып, тең ортосунда чоң букет гүл вазада турган эле,

- Мээрим, эмне конок келеби үйгө? - аялын таң кала карады, Мээрим күлүмсүрөй унчукпай анын колундагы Арсланды алып жерге койду да:

- Бүгүн биздин үйдүн президенттин туулган күнү, куттуктайм! - деп күйөөсүнүн эки ийине колун койо эки бетинен өөп, - туулган күнүң менен! - деди.

- Ой ата-аа, такыр эсимден чыгып кеткен тура, ушу бүгүн туулган күнүм экени оюма да келбептир, рахмат алтыным, ыраазымын сага, - Дуулат да аялынын бетинен өөп койду.

- Кой эми, көп эле эзилише бербей тамактаналы.

- Ээ Мээрим, аябай убара болгонсуң го, мобу салаттарды өзүң жасадың да?

- Ошонун эмнесине кыйналып убара болмок элем, ансыз деле күнүмдүк жашоонун өзү убарачылык менен өтөт, сенин туулган күнүңдү өзүбүзчө, өзгөчө өткөрөлү деп ойлогом.

- Ыраазымын жаным... - Ушул учурда Дуулат Гүлжамалды ойлонуп кетти: "Байкуш, жакшы болуп калса экен, эми кокус дагы ичсе эле боору эзилип кетиши мүмкүн", - деп алдындагы салаттан алып жатканда сырттан кобур-собур үн чыгып, Мээрим аларды үйгө карай алып келатканы угулуп калды:

- Киргиле үйгө, биз силерди келет деп ойлогон эмеспиз, өзүбүзчө эле белгилеп койолу деген элек, - аңгыча Дуулат отурган конок бөлмөгө кирип келишти.

- Оо Дуулат мырза, туулган күнүң менен! - дешип баары келип куттуктап, белектерин берип орунга жайгашып жатышты.

- Рахмат, рахмат достор, чакырбаганым үчүн кечирип койгула, анын үстүнө бүгүнкү туулган күн эсимде жок, унутуп калыпмын өзүм дагы, - Дуулат конокторго чын дилинен ыраазы боло алдыларына аялы куйган чайды узатып жатты.

- Ошо кантип болсун, туулган күнгө чакыртпай эле келет да, - Тоту шакылдады, - Ушу Мээрим кыйын катын эй, тим эле стол жасап бизди күтүп тургандай!

- Ооба десең, ырас эле... - дешип бакылдап көңүлдүү отуруш башталды. Ошол учурда оорукананын башкы догдуру болуп иштеген Сатыбалды:

- Дуулат, сен билчү белең Гүлжамалды? - деп Дуулатты караганда Мээрим да экөөнү алмак-салмак карап туруп калды. Баары Сатыбалдынын сөзүнө кулак төшөй отуруп үнсүз тунжурашты.

- Мм, ооба, тааныйм, мен иштеп жүргөндө ошо жерде эмес беле... - Дуулат башка сөз айталбай туруп калды.

- Ошол байкуш ичип кетиптир, эмнеге өзүн таштап койгонун билбейм, жакшы адис, жапжаш, сулуу келинди эми тааныш кыйын...

- Мен дагы көргөм, абалы жаман, андан көрө ага жардам берели, кайгысы, арманы болсо угуп, көңүлүн көтөрүшүбүз керек!

- Туура айтасың Бекмат, биз адам тагдырына кайдыгер карасак болбойт, адамдын өмүрү үчүн күрөшүп жаткан соң өзүбүздүн коллегабызды да сактап калышыбыз керек!

- Эң туура, ага жардам берип, дарылап дартынан айыктырышыбыз керек! - бакылдаган Сарыбай эки колун жая айланасын карады, - Аны азыр коюп, Дүкөнүн туулган күнүн уланталы, кана эмесе Дүкөмдүн өмүрү узун болуп мынабу жөжөлөрүнүн урматын көрүп, кадыр-барктуу профессорлордон болсун, келгиле алалы! - деп стаканды көтөрдү.

- Денсоолукта бол!

- Көп жаша!

- Мээрим экөөңөр бактылуу жашап, ар дайым максатыңар ишке ашсын!

- Айтканыңар келсин, силер менен бирге болсун, - Мээрим алардын сөзүнө ыраазылыгын билдире жадырай чай сунуп отурду.

- Ыраазымын достор, абдан ыраазымын, мага канчалык жакшылык ыроолосоңор, өзүңөргө да ошону каалайм! - Дуулаттын маңдайы жарыла кубанып отурганы менен Гүлжамалды баары билип калганына ичтен кыжаалаттанып атты: "Ичип алып көчөдө жүргөнүн көрүшкөн тура, уят болгон тура, эмнеге ушунчалыкка барды, жашоосу деле жайында, эки уул, бир кызы бар экен, чын эле мен үчүн ушул абалга келдиби?" - деген ойдо эч кимге сыр билгизбей түпөйүл. Мээрим анын оюн билип тургандай улам аны карап койот. Бир-эки саат бакылдап отурушуп, анан алар үй-үйлөрүнө кетишти, Мээрим төшөк салып жатып калышты. Экөө күнүмдүк тирлик жөнүндө кеп кылганы менен, Гүлжамал жөнүндө сөз козголгон жок.

Күндөр өтө берди. Гүлжамалды врачтар чогулуп барып кабар алалы дегенде Дуулат ага болбоду:

- Жок, силер барганда намыстанып бир нерсе болушу мүмкүн, андан көрө эч нерсе билбегендей болуп мен эле жардам берип турайын, анын абалы чынында оор! - Дуулат аларга өзүнүн жардам берип жатканын айтпады.

- Ырас эле, бир эле киши барып көрүп жакындан жардам берип турсун, Дуулат туура айтат!

- Макул анда, аны дарылоо керек, биз колубуздан келгенин аябайбыз.

- Кандай татынакай келин эле, уул-кызы бар, эмнеге ошол абалга жетти, эмнеге? - башкы врач ойлуу жанындагыларга карады, - сөзсүз катарга кошушубуз керек!

- Туура! - дешип Дуулатты карашты, - сага аны тапшырдык.

- Аракеттенем.

Ошол эле күнү Дуулат Гүлжамалга барды. Айзат үйдүн ичин, сыртты мисирейте тазалап, үч баланын кийимдерин жууп кийгизип койгонго балдардын жүздөрү жарык ойноп жүрүшүптүр: "Кайран балалык, азыр миңдеген балдар ойдогудай тарбия алалбай калышты", - деп ойлоп үйгө кирип барганда Гүлжамалдын абалы өтө оорлоп калганын көрүп жүрөгү шуу дей түштү да, кайра артына жөнөп өзүнүн сестра кыздарынын бирин алып келүүгө жумушуна шашылды. Дароо керектүү укол-дарыларын алып медсестраны ээрчитип кирип келди. Шашылыш түрдө укол куюп алдастап калды. Үч-төрт күн көзүн ачпай, наар албай жатып көзүн ачкан Гүлжамал айланасын карап алып, маңдайында турушкан сестра кыз менен Дуулатты көрүп үнсүз көзүнүн жашын агызып ары бурулду.

- Гүлжамал, абалың кандай, жакшы болуп калдыңбы? - Дуулат эңкейе берип сурады, - бирдеме ичесиңби?

- Жок, - алсыз шыбырап башын чайкады, - эч нерсе иче албайм.

- Эч нерсе ичпесең кантип оңолосуң, айыгыш үчүн аз-аздап тез-тез ичип турушуң керек.

- Мени кыйнадың го Дуулат, тынчыраак өлүүгө мүмкүнчүлүк берчи, жашоо мени кызыктырбай калды...

- Жок, сен өлбөйсүң, жашашың керек, өзүң үчүн эмес балдарың үчүн жашашың керек. Карачы Камиланы, уулдарыңды, татынакай болуп чоңоюп калышты, ойлончу, түшүнчү! - Дуулат Гүлжамалдын колдорун кармалап, чачтарын салаалай ойлуу сүйлөп жатты, - Сен эстүү, түшүнүктүү аялсың го, сен болбосоң балдарың кандай күндө калат? - Дуулат сүйлөп жатканда үч баласы көздөрүн жашылданта босогодо турушкан эле, аларды карай колун жаңсады, - Келчи Камиля, апаңдын жашына келчи?!

- Кереги жок, аларды ойлой турган алым жок, көп эле кыйнай бербечи! - Гүлжамал терс бурулуп кызын көргүсү келбегендей, - аларды атасы алып кетет, мени сактап калууга сен далбастабай эле кой!

- Апа, апаке, эмнеге бизди жакшы көрбөйсүз, энеден мээрим төкпөйсүз? - Ырысбек жанына келип тизелей калып көз жашын жеңи менен аарчый солуктады, анын жанына экинчи уулу Барсбек да отуруп эмшиңдей ыйлап жатат. Камиля болсо Дуулаттын алдында, - Апа, мен окубай калдым, атам да, сиз да бизди ойлобой өзүңөрдү ойлойсуңар, же биз өз балаңар эмеспизби? Ата-энелүү балдарды көргөндө уялганыбыздан үйгө кирип кетебиз, элдин балдарындай болуп ойной албайбыз...

- Ооба! - Гүлжамал орой үн катып бери карады, - Ооба, силерди көргүм да келбейт, силер өгөй балдарсыңар, билдиңерби?!

- Апа-аа! - Камиля үн чыгара буулугуп ыйлап ийди, - бизди өгөй деп айтпаңызчы?!

- Апам калп айтты, апа, биз өзүңдүн эле балдарыңбыз ээ?

- Дуулат, кыйнабачы мени, мен баары бир буларды жакшы көрбөйм!

- Апа!

- Апа дейм!

- Апаке... - үчөө тең томсоро ыйлап отурду.

- Мен өзүм каалаган адамдан төрөгөн эмесмин, балалуу болгондон кийин тагдырыма баш ийип жашайын дегенде мени атасы таштап кеткен, ошон үчүн булардын бирин да көргүм келбейт... - Гүлжамал көзүн жумуп алып ойлуу сүйлөп жатты, - Эгер булар төрөлбөгөндө алда качан өз бактымды табат белем...

- Гүлжамал, андай дебечи, өз каныңдан жаралган балдарыңдын көңүлүн калтырба, сен энесиң..

- Мен эне да, адам да болуп жарыбайм, менин жүрөгүм муз болуп тоңуп, таш болуп катып калган.

- Өзүңv бил! - Дуулат ордунан турду, - Кой, мен барайын, силер ойной бергиле, келерки жылы мектепке киргизем, окуйсуңар, - балдарга жылмая карады, - Апаңарга таарынбагыла, ал ооруп жатпайбы.

- Ооба, биз таарынбайбыз.

- Апам жакшы болгондо антпейт ээ?

- Ооба, биз апамды жакшы көрөбүз. - дешип үчөө тең жарыша Дуулатты колдон ала үмүттүү карашты, - сиз апамды айыктырасыз ээ?

- Ананчы, аны айыктырабыз, силерди ээрчитип алып ойнотот, паркка алып барат, жакшы карагыла, макулбу?

- Карайбыз! - үчөө жарыша жооп берип апасын карашса ал ыйлап жаткан экен, Дуулат бир азга буйдала калды да:

- Жакшы тургула, эртең келем, - деп шарт бургула чыгып кетти. Гүлжамал нес болгондой жата берди, көзүнүн жашы кулагы ылдый жаздыгына куюлуп жатты.

Ал жөн жаткан жок, өткөн өмүрүн эстеп кыска жашоосунда урунтуу эсте калаарлык күндөрүн эстеп жатты: Ошол күнү студенттер көңүл ачуу үчүн тоого чыгышкан. Чоң суунун жээги, жыпарын чачкан гүлдөрдүн жыты аңкып, токойдогу куштардын сайраганы көңүлдөрүн эргитип, жаштыктын деми бир жагымдуу элес калтырат. Гүлжамал анда сүйүү деген эмне экенин сезе элек секелектей сергек кези. Токойдогу бадал арасынан бүлдүркөн терип целлофанга чогултуп жүрүп алыс кетип калганын билбеди, бир кезде алды жагынан шырт эткен дабыш чыкканда карай койсо чаар ала жылан аны көздөй жылып келе жаткан экен, "апа-аа!" деген бойдон артына карай жүгүрүп келе жатып бирөөгө урунуп алды... Ал Дуулат болчу, артынан акмалап келе жаткан. Гүлжамалды кучактай калды эле, чоочуп кеткен кыз ого бетер коркуп кетип караса өзү такыр көрбөгөн чоочун жигит. Уяла түшүп анын кучагынан чыга кайра жүгүргөндө Дуулат артынан барып алдын тосо калды:

- Чоң кыз, сиз адашып калдыңыз, шашпаңыз, мен сизди жеткирип койойун.

- Эмнеге адашат элем, бул эле жерде, өзүм...

- Жаңыласыз, эгер менин сөзүмдү укпасаңыз, дагы адашып шериктериңизден калып каласыз.

- Сиз эмне сыйкырчысызбы, балким мени адаштырган сиз болуп жүрбөңүз?

- Мүмкүн... - Дуулат өзүн теше тиктей ишенип-ишенбей турган кыздын жанына жете келди, кыздын коркконунан катуу соккон жүрөгү төшүн тээп, демиккени басыла элек эле, ээн талаада жалгыз чоочун жигит менен турганына чоочулай, ал жакындаганда эки жагын карап алды:

- Жакындабаңыз!

- Болуптур, басыңыз, мен сизден бир метр алыс болоюн, - Дуулат күлүп коюп дарактардын самсаалаган жалбырактарын улам секире колу менен үзүп коюп, катарлаша кете берди. Кыз улам жигитти уурдана карап: "Сулуу жигит экен, ушул жакта жашаса керек" деп ойлонуп алып алдыга умтулуп тез эле шериктерине жетүүнү самап баратты.

- Сиз бул жерде жакын жашайсызбы?

- Жок.

- Анда биякта эмне кылып жүрөсүз?

- Мен келбесем сизди жылан чагып албайбы?! - Жигит көз кыйыгы менен кызды карай жылмайып койду

- Сиз кайдан билдиңиз, менин жыланга кабылып калаарымды? - Кыз таңкалгандай жигитти карады.

- Билгем, сиз адашып, жолдошторуңуздан алыстай баштаганда артыңыздан акмалап келе бердим. Билесизби, бул токой анча чоң эмес, бирок ичинде ар кандай коркунучтуу нерселер болуп турат.

- Чын элеби? - Кыз чоочулай эки жагын карана жигитке жакындай басты, - Сиз дагы бул жерге эс алганы келдиңиз беле?

- Жо-ок, - Дуулат кыздын көздөрүнө тике карады, - кийик атып алсамбы деп келгем...

- Бул токойдо кийик дагы барбы?

- Көптөн бери аталбай, колго түшүрө албай жүргөм, бүгүн ыгы келсе...

- Сиз абдан тамашакөй, табышмактуу сүйлөйт экенсиз.

- Кыздарды көргөндө ошондой болуп кетмей адатым бар. Атыңыз Гүлжамал, мединституттун үчүнчү курсунда окуйсуз, туурабы?

- Аны кандай билесиз?

- Оштон болосуз, эки агаңыз чоң кызматта иштейт, үйдүн эң кенжеси, эрке кызсыз...

- Кызык, сиз дагы Оштон болосузбу?

- Жок. Менин атым Дуулат, мен дагы ошол эле мединституттун акыркы курсунда окуйм, сизди жакшы тааныйм.

- А мен сизди көрбөгөн экенмин.

- Көп эле көрүнө бербейм.

- Чынында сыйкырчыдай сүйлөт экенсиз, - кыз дагы жылмая жигитти карай каш кагып койду.

- Көрдүңүзбү канча жол бастык, али жете элекпиз, адашып калдым деп чоочуган жоксузбу?

- Аа-аа, мен бир аз эле узагандай болгом.

- Бүлдүркөндү абдан көп тергенсиз го, ооз тийсем болобу? - Дуулат эңкейип кыздын кулагынын тушуна шыбырап койду, - Сиз аябай эле сулуу экенсиз.

- Коюңузчу тамашаңызды. Келиңиз алыңыз, - кыз бүлдүркөндүн оозун ача сунду.

- Рахмат, сиздин колуңуздан таткан даам өмүр бою таңдайымдан кетпейт го дейм.

- Бул мен жасагам даам эмес, жаратылыштын таттуу даамы, ал эми өз колум менен жасаган даамды ооз тийсеңиз анда унутпашыңыз мүмкүн, - кыз тамашалай, тартынбай жигитти карай жооп узата эки көзү бадал арасында: "Кай жагынан кыздар же балдар чыга калаар экен, мени издеп жатышкандыр", - деп ойлоп бараткан.

- Ой сиз жасаган даамды өмүр бою татып өтсөм арман болбос!

- Тамашаңызга баракелде, - дегенче "Гүлжамал, ээй Гүлжама-аал!" - деген үндөр туш-туштан угулганда кыз кубана, - Мен баратам, бияктаа-амын! - деп жооп бере жүгүрүп жөнөдү.

- Сиздей сулуу кызды таап алганыма кубанычтамын, - Дуулат андан калбай кошо жүгүрүп баратты...

Гүлжамал ушуларды ойлоп алып бактылуу жылмайып алды: "Аттиң, менин колумдан даам татуу ага буйрубаган тура". Көпкө чейин ойлонуп жатып жүзү сумсая калды: "Мен эми жашабай өлүшүм керек, тирүү жүргөндө ушул абалда көргөндөр мени шылдыңдай карап: "байкуш алкаш болуп кетти эле, эми оңолуп калыптыр" деп мазакташса канттим? Жок-жок, эч качан тирүү жүрбөшүм керек, менин ордум тигил дүйнөдө гана!" - деген чечимге келди да жанында турган ар кандай дарыларды уучуна толтура оозуна алып барып башын өйдө көтөрө баарын салды да, суудан жутту. Бул кезде Гүлжамалдын жанында эч ким жок болчу, ал ордунан туруп барып серванттын текчесинде турган дарыдан кочушуна дагы толтурду да: "Аз болуп калса кыйналып өлбөй калбайын, биротоло жаным жай алсын", - деген ойдо суу менен аны да ичип жиберип, кайра ордуна келип жатып алды. Эртеси түш ченде келген Дуулат Гүлжамалдын үйүнүн эшигинде топурап жүргөн элди көрүп чоочуп кетти. Аны көрө койгон Ырысбек жүгүрүп келип:

- Апам түндө өлүп калыптыр, сиз кеткенден кийин, дары ичип алган деп жатышат! - деди көздөрүн жалдырата.

***

Перизат Бакыттын айтканына көнбөй, эч нерсе ичпей келип ордуна соода кылууга киришти. Оюу онго бөлүнүп кыжаалаттанып: "Эми Кубатка эмне деп айтам, кайда болдуң десе канттим?" - деп кыйнала берди. Кечеги ичкен винонун башын оорутканы да көңүлүн чөгөрүп отурганда:

- Перизат! - деген үндөн чоочуп ордунан ыргып турса Кубат экен, - Сага эмне болду? Түнү менен ойлонуп кирпик какпадым.

- Мм.. - Перизат мукактана күйөөсүнөн көзүн ала кача жер карады, - мм.. мен.. мен тиги-ии, баягычы, классташым Айшанын үйүнө барып..

- Эмнеге мага айтып койбодуң? - Кубат аялынан бир нерсе шекшине көзүнө тике карады, - Айша шаарга келди беле, айылда деп жүрбөдүң беле?

- Аа-аа.. ал.. ал жакында эле келиптир, анан квартирамды көрүп ал дегенинен..

- Макул, соодаңды кыла бер, мен жумушка кеттим.

Кубат шарт бурула басып кетти. Мууну калчылдап өзүн зорго кармап турган Перизат ал басып кетээри менен "ах" деп алды: "Айшаны эстей койгонум жакшы болбодубу, антпегенде өлмөкмүн", - деп демин сыртка ачык чыгара эс алып калды. Кубат кетип жатып: "Бул мага калп айтып жатат, бир сыр бар, соо эмес", - деп ойлонуп, мектепке келип өз ишине киришти.

Кубат кеткенден кийин жанындагы жанаша соода кылган кыз товарын камерадан алып келип жая баштады. Перизатты карап жылмайып койду:

- Перизат, бу контролер сага жагып калды окшойт.

- Ай билбейм, өтө эле шыпылдаган неме экен, эми күйөөм билип калса эмне кылам, билбейм. Эгер келсе менин баскан-турганымды айтпа, ээ? - Перизат ага чын дилинен суранычтуу айтты, - эгер билсе өлтүрөт, үйгө баргандан коркуп жатам.

- Ооз басырык кылсаң айтпайм, болбосо мен күйөөңө айтып койом, - Кундуз кыткылыктап күлө тамашалады.

- Койчу эми, Кундуз, ооз басырык деле болот дечи, бирок аялдар бир бирибизге карап боор оорушпасак болбойт ко, үйбүлөмдү сактап кал!

- Макул-макул, кам санаба, жөн эле тамашалап койдум.

- Ошентсең, коңшуңду ажалынан мурун өлтүрүп албай, - Перизат да күлүп калды.

Керээли кечке кыжаалат болуп, үйүнө баруудан жүрөксүгөн Перизат эптеп товарын жыйды да, ойлуу жөнөдү. Ушул кезде капысынан бирөө катуурак анын атын атаса жүрөгү кабынан чыгып кетээри бышык болчу: "Элдин көзүнчө унчукпады, эми барганда мени өлтүрөт, Айшага алып бар десе эмне дейм?" - деп жете келсе үйү бек экен. Өзүнүн ачкычы менен ачты да, шашыла Кубат келгиче тамак даярдоого өттү. Кеч кирип калганда келди ал.

- Келдиңби? - деп койду кайдыгер гана. - Бу сен мындан ары бир жакка кетсең айтып коюп жүр, бекер камтама кылбай, - деп үйдө кийчү кийимин кийип, иш столуна өтүп кетти. Перизатта үн-сөз жок. Даярдаган тамагын алдына коюп жатып да күйөөсүн демейдегидей тик карай албай көздөрүн ала качып отурду. Тамак ичилип бүткөнчө экөө тең үн катпады. Кубат өз ичинен: "Соо эмес, бирөөнү тапкан экен - жаш, сулуу, эркектер эрмектегиси келсе күйүп-бышкандай артынан жүгүрөт да, бир күнү калып калат, кеч боло электе эсине келтирейин", - деп ойлоп:

- Перизат, - дегенде ал чоочуп кетти.

- Ий-и? - жер караган бойдон туттуга туруп калды.

- Сен жаңылып калган жоксуңбу, көздөрүң айтып турат, мени тике карап жооп берчи?

- Эмнени? - калтырай үн катты.

- Эмне болгонун, ачыгын айт, мүмкүн бирөө сени азгырып жүргөн болбосун?

- Ыя? - Перизат корккондой селт эте түшүп көздөрүн алайтып жиберди, - Эмне дейсиң?

- Перизат, сен менден бир нерсени жашырып жатасың. Жашсың, сулуусуң, бирөөлөр атайы сени бузушу мүмкүн, байлык деген колдун кири, жашообузду оңдоп, ойдогудай болоорунан үмүтүңдү үзбө. Бираз чыда, алтынды алдыңа таштайм, куштай кылып кулпунтам деген сөзгө ишенбе. Мен сени күнөөлөбөйм, бирок эсиңде болсун, ойлонуп иш кыл! - Кубат ордунан туруп, уктоого жата кетти.

Перизат отурган жеринде селейди да калды: "Демек, баарын билип турган экен да, башка эркек болсо сабап, уруп-согуп, абийиримди кетирмек, ой кудай ай", - деп ойлонуп отура берди. Ошондон кийин базарга да чыкпады, Кубаттын жүзүнө тике карай албай, көпкө чийки май жегендей болуп жүрүп, акыры баары унутулгандай калыбына келип, баштагысындай эле күйөөсүнө бирде таарына кетсе, бирде чырт этме кыялын кармата баштады. Арадан он беш күндөй өткөндө кайрадан ордуна чыгып, товарын жайып атканда Кундуз аны карай сүйлөп калды:

- Перизат, сен неге чыкпай жүрдүң? Тиги контролер күндө келип издеп кабатыр болуп жүрөт, менден батириңди сураганынан билбегенимди айттым.

- Эмне кылат экен? - жактыра бербей жооп бергени менен, Бакыт менен болгон күнүн эстегенде аны өзү деле эңсеп, анын өңүнө жасаган мамилесинен кынтык таппай, күйөөсүнүн төшөктө өзүн эркелете албаганына кээде жини келип жүргөн эле: "Канткен менен жашоонун жыргалын таттыра турган жигит экен, тылтыйып өз ишин бүтүрүп алгандан кийин уктагандан башканы билбейт, менин каалоом менен иши да жок", - деп ойлоп, Бакытты көргүсү келип жүргөн. Эгерде чындап эле үйлөнөм десе биротоло ага тийип алууга бел байлап койгон: "Эми жолукканда дагы алам десе ачык сүйлөшөм, Кубат менен атайы уруш чыгарып чыгып кетем", - деген оюна токтоп күтүп жаткан: "Же бир нерсе берип өлтүрүп салсам эмне болот?" Ушуну ойлоп отурганда: "Кайдан билдим, күндө келип сурай берип, таскамды чыгарды", - деген Кундуз оюн бөлүп жиберди. Ал оюн билип койгондой кызарды.

- Кызык… - Перизат ордунда отуруп алып Бакыттын кучагында гана аялдык назиктигин, сулуулугун сезип, махабаттын туу чокусуна жеткирген эркектин кудуретине суктанып отурганда Бакыт келип калды.

- Перизат, кандайсың деги? Эмнеге көрүнбөй кеттиң? Ушул бойдон жоготуп аламбы деп коркконумду айтпа! - деп биринин артынан бирин жаадыра суроосун берип, эңкейип бетинен өөп, колун кыса кармады.

- Эл көрсө эмне дейт, жаңы эле унутуп, өзүмдү эркин сезе баштадым эле, келбей эле койчу, экөөбүз эки башка адамбыз, - Перизат кара күчкө Бакыттан кандай сөз чыгаар экен деген ойдо айтып жатты.

- Жаным, мен сенден айрылгым келбейт, күйөөң азыр эле мени кескилеп жиберсе да сени алып кетем, - бакыт чындап жүрөк ооруур абалда чын сырын айтып жатты. - Мен сенден ажырабайм, сөзсүз алып кетем!

- Бакыт акырын, эл угат, эртең ушул жерге өзүм эле келем, анан сүйлөшөбүз, ал эми азыр сен кете бер.

- Макул жаным, күтөм, бирок алдамай жок! - Бакыт Перизатты дагы бир жолу өөп коюп, жөнөй берди.

Негедир жүрөгү алып учуп, бир башкача сезим бийлеп, ал күнү соода болгон-болбогонуна кайыл болуп отуруп, кечти күтүп. Бешим боло электе эле жыйынып жөнөдү. Ал өзүнүн ичинде Кубатка кандай оюн көрсөтөөрүн билбей атты. Кудай оңунан берип, Кубат өзү баштады. Ал чыр чыгаарына себеп болоорун билген жок:

- Перизат, апам бизди келсин деп айттырып жибериптир, сен ал жакта болбосоң болбойт, апам ооруп атыптыр.

- Мен барбайм, барсаң өзүң бар!

- Ал эмнең, апамды уксаң эле жиниң келет, сенин апаңды келиндери карап атышпайбы, билсең сен анын жападан жалгыз келинисиң!

- Менин апама теңелбей эле койгула, ал бактылуу аял, ырыстуу эне, төрт келини бар, алар карабаса кыздары карайбыз!

- Жап оозуңду, сенин апаңдай эле бактылуу аял, ырыстуу эне менин апам дагы. Эгер апамды сыйлай албасаң, каалаган жагыңа кете бер, тилиңди алып апамды жалгыз таштап шаарга келе бергениме "баарын бийлеп алдым, өзүм билем" деген турасыңбы? - Кубат жини келе ары-бери басып атты. - Сени "жаш эмеспи, эсине келер, баарын түшүнөөр" деп жүргөм, көрсө сен менин башымды айлантып, "Энесине каратпай койом" деген оюң бар окшойт. Угуп ал, бүгүн кетем айылга, карегиндей сактап өстүргөн энемди мен да сенин энеңен кем кылбайм!

- Ики, - деп алды Перизат, - Сен жалгыз кайсыл бакытка бөлөй алмаксың, же колуңарда толгон байлыгыңар болбосо?!

- Менин баскан изим байлык, энемдин амандыгы байлык, а сага окшогон акылы тайкыны аялдыкка алган мен акмак, бүгүндөн баштап кайда барсаң жолуң ачык, сени менен бирге жашай албайм!

- Сага эле жалдырап калмак белем, артымдан миңи жүгүрүп жүрөт, жерде калбайм!

- Жүгүргөн миңиңдин азабын тартпасаң болду, эки күндөн кийин көчөдө каласың.

- Калбайм-этпейм, сендей болуп калыптырбы, менин сулуулугумдун кадыр-баркына жетпей отурган!

- Эмне-е? - Кубаттын жаны кашая Перизатты жаакка чаап-чаап жиберди, - менден жакшы, менден өйдө бекен ыя?!

- Ооба, сенден төөчөлүк өйдө! - Көктүгү кармап, ого бетер көжөлө азыр өлтүрүп койсо да кайыл боло чаңырды Перизат.

- Энеңди урайын, колумду тийгизбейин дедим эле, өз убалың өзүңө! - деди да, колунан тартып туруп, чаап-сабап кирди.

- Өлтүр, өлтүрүп сал, сага окшогон күйөөгө тийип кайсыны көрдүм, өзүм теңдүүлөр кийгенди кийе албай, сенин ыгыңа көнүп жүрсө.. Эми тилимди тартпайм, өлүп кет, акмак!

Көпкө чейин кыжыры менен ургулаган Кубат өзүн токтото: "Өжөр немени өлтүрүп албайын, ушундайда энесинин колуна тапшырып тынбасам болбойт", - деп сыртка чыгып кетти. Ал эшикке чыгаары менен Перизат кийимдерин салыштырды да, үйдөн чыкты. Күүгүм талаш анын үйдөн чыгып баратканын көргөн Кубат артынан жүгүрүп барып колдон алды да, жетелеп киргизди:

- Өлсөң да өз ажалыңдан өл, сендей бейжайдан аман-эсен кутулайын, бүгүн үйдөн чыкпа, эртең энең менен агаларыңа өзүм жеткирейин.

- Өзүм эле кетем, койо бер, мен азыр бала эмесмин, өз тагдырымды өзүм чечем! - Перизат долулана кыйкырды. Анын эмеле тийген муштумдан көзү көгөрө баштаганын көргөн Кубат ичинен аны аяп алды: "Байкушту катуу уруп койгон экемин, энесине таза алып барбасам уят ко?" - деп ойлоп жумшара сооротконго өттү.

- Койчу, Перизат, болду эми, эсиңе кел, ачуум менен уруп да койдум, басыл эми, ыйлаба.

- Сеники жакшыбы анан, ушул бойдон кантип көчөгө чыгам, көргөндөр эмне дейт? - ого бетер ачуулана ыйлап долуланып кирди, - Мен сени чычалатайын деп эле айтып койсо сабап киресиң.

- Болду эми, басыл, бети-башыңды жуу!

Перизат ушул чырдан пайдаланып кетип калгысы келген эле, көзү көгөрүп, чекеси томтойо түшкөнүнөн уялып жасалма актана кетти. Ичинен: "Сени шашпа, бирди көрсөтпөсөм элеби, сени биротоло апаңа да, мага да жок кылып, анан кутулам", - деп ойлонуп кекенип алды. Шаарга көчүп келээрде өз үйүнөн буюмдарын алып келе жатканда апасынын ичип жүрчү уу коргошуну кошо келгенин көргөн. Ошол бойдон түйүнчөктө турган болчу: "Сулуу аялдын кадыр-баркын билбесең, сага жакшылык жок экен, энеңди бактылуу кылып жата бересиң", - деп, ойлору туман болуп, Кубатты алы жетсе эки чайнап бир жуткусу келип турду. Төшөктөрүн салып, жаткандан кийин экөө тең өз ойлору менен алек болуп уктай албай түйшөлүп жатты: "Кой, муну аман-эсенинде энесинин колуна тапшырайын, болбосо жиним менен өлтүрүп алып, азапка калбайын", - деп ойлонуп, Кубат бир оокумда гана көзү илинди.

Бирок эртеси Перизат күйөөсүнө уу коргошунду бере албады, коркту. Бир жумадай бир бирине сүйлөбөй, бет маңдай отуруп тамактанган менен, ортолорун сөз аралабады. Перизат бетинин көгөргөнү кетип, кадимкидей болоюн деп калганда базарга Кундузга жолугуш үчүн барды. Экөө бир нерселерди сүйлөшүп турганда Бакыт келди. Аны көргөн Кундуз акырын көзүн кысып койду:

- Мына, сенин карааныңды көрүүгө зарыгып жүргөн жигит келди, - деп шыбырады Перизаттын кулагына.

- Койсоңчу, күйөөм турса мунун кереги эмне, көңүл үчүн эле сүйлөшүп койом, - Перизат актангандай жооп берди.

- Кыздар, кандайсыңар, - Бакыт экөөнө кол берип учурашып, Перизатка жакындай берип бетинен өөп койду, - Ушул сулуу селки үчүн акылымдан адашчудай абалга келдим! Чүрөгүм, деги менин убал-сообумду ойлойсуңбу ыя, дайныңды билдирбей кетесиң дайым эле?

- Коюңузчу, күйөөсү бар аялды да киши сүйөбү, бая эле айтпадым беле, убара болбоңуз деп, - Перизат Бакытка сүйлөп жатып Кундузга байкатпай көзүн кысып койду.

- Аргамды таппай, издесем дарегиңди билбей азап чектим, сени көрбөй калсам ичкеним ирим, жегеним желим болуп, уйкум качып, жинди болуп кеттим, - Бакыт Перизатты колтуктай кыжы-кыйма элдин арасын көздөй басып баратып, - эми өлүп эле ажырабасам сенден бөлүнбөй калайын.

- Акырын, элдин арасында антип айтпаңыз, четке чыгалычы, - Перизат көп элдин арасында Кубат аны акмалап жүргөндөй элеңдеди. Экөө элден коруна четке чыкканда Бакыт аны кучактап өөп туруп:

- Жаным, сен мага ишенбей жатасың го, аялым болсо кийин келип буюмдарын алып кеткен, азыр өзүм элемин, жүрү түз эле үйгө баралы? - деди.

- Макул, бирок кайра үйгө тез барып калышым керек!

- Койчу эми, мени жалгызсыратпачы. Сени үйдөн чыгарбай көлөкөдө багам, мага төрөп эле берсең алтынга бөлөйм, макул дечи?!

- Бир аз күн күтүңүз, мен да чыдай албай баратам, - Перизат ойлуу телмирди, - Муздак жашоодон тажадым…

- Жаным, мен сенин жашооңду гүлгө айлантам, мына ушул жумушум менен татынакай уул-кыз төрөсөң бактылуу жашайбыз, шефтердин айтканы менен болсом эле сени кор кылбайм.

- Ошентсе да… - Экөө маршруткага отуруп жөнөп калды. Бакыттын үйү базардан эки аялдама алыс болчу. Үйгө кирген Перизат таң кала үй ичин айланта карады: "Баарын жаңы алган го, спальный да, килемдери, креслолору... Чынында жакшы табат окшойт", - деп ойлонуп калганда Бакыт анын жанына келип кучактай өпкүлөп кирди:

- Көрдүңбү, жаным, сени келет деп баарын жаңы алдым, аялым алып кеткен буюмдарды толуктадым, ушунун баары сен үчүн, уктуңбу, сен үчүн!

- Билбейм, кандай жолго түштүм, жаңылып каламбы, бассам-турсам сенин сөздөрүң, элесиң көз алдыман кетпей кыйналчу болдум.

Ойлуу барып, диванга отура кетти. Бакыт аны кучактай жыгылып, көпкө чейин келиндин көкүрөк тушун чечип алып өпкүлөп жатты, акыры Перизат да өзүн кармай албай туш келди кучактап, жигиттин денелерин өөп, жанталаша далысынан мыжыга көздөрүн жумуп алып кыңкыстай баштаганда гана Бакыт ишке киришти. Оо жараткан! Алам баласы ушул ырахатты көрбөй, сезбей өтсө арман го! Тирүүлүктүн адам баласына берген бирден бир ырахаты ушул эмеспи, калганы түйшүк, арман, азап, күнүмдүк көр оокаттын алакети менен өмүр сүрөт. Перизат күйөөсүнөн алалбаганды, сезбегенди ушул жигиттен көрдү. Ал азыр кымбат адамына айланаарын туюп турду. Кубат менен жашаган жети-сегиз айдын ичинде анын бир жолу дагы берилип эркелетип, ушул мүнөттөгүдөй ырахат бере албаганына жини келди: "Мени өлтүрүп койсо да апама ачык эле башканы сүйүп калдым деп өзүм айтып баса берем", - деп ойлоду..

Бир топтон кийин өйдө болуп, экөө тең жуунуп алып тамак жасашты. Перизат ушул саам шайыр болуп кыңылдап, Бакытка жардам берип атты. Бакыт аны көтөрүп столго отургузуп:

- Сен тынч отур, азыр мен сага тамак берем, качан мендик болгондо ашкананы өткөрүп аласың, - деп өзү идиштерге тамак куюп келди. Каткырып күлүп, улам бири бирин тамашалап отуруп тамактарын ичип бүткөндөн кийин Перизат батирине жөнөдү. Бакытка өзү келип турмай болду. Аргасыз калган ал күйөөсүнөн кызганып да алды. Бирок Перизат үчүн никелүү күйөөсүнөн чыгып эле кирип келгенден коркту: "Экөө урушуп, бири бирин өлтүрүп коюшу мүмкүн, биротоло ажырашып, анан деле тийем да", - деп ойлоп келсе Кубат үйүндө экен.

- Кайда жүрөсүң, буюмдарыңды жый, апаңдыкына алып барып келейин, - деди кабагын бүркөй.

- Эч жакка барбайм, апамды сагынган деле жокмун, керек болсо өзүм деле барып келем!

- Макул! - Кубат сыртка чыгып кетти. Перизат өзү чай кайнатып, тамак жасап коюп жатып алды. Эрди-катын ал күнү да сүйлөшпөдү. Эртең менен ордунан турбай жаткан Перизатты ойготпой чыгып кетти. Перизат ал кетээри менен шашылыш кийинди да, үйдү кулпулап, эки жагын карана жолго чыкты. Бул кезде Кубат анын үйдөн чагаарын күтүп жол жээгиндеги камоктун артында акмалап турган болчу. Шашып келе жаткан Перизаттын артынан жөнөп аялдамага келди, көп кишинин ичинен күйөөсүн байкабады, аңдыйт деп ойлобосо да керек. Перизаттын кирген үйүн көрүп, ал кирип кеткенден кийин эшиктин сыртынан тыңшап турду:

- Алтыным десе, келдиңби чын эле?! Жаным, деги эмне кылам эми, жадагалса күйөөңдөн кызганчу болдум, түнү менен аны ыраазы кылып…

- Коюңузчу, ошол жерге кирсин, чочкодой болуп өзүн гана ойлойт, менин эмнени кааларымды сезет дейсизби, дөңгөч да ал!

- Мен сени бакытка бөлөп, ырахат тартуулай алсам өзүмдү бактылуу сезет элем!

- Чынында сизден гана ырахаттын бар экенин, аял эркектин ортосунда болчу махабат оюнун сездим.

- Чын элеби? - Бакыт аны көтөрүп алып диванга жаткырып экөө эми чечинип жатканда Кубат кирип келди, аны көргөндө жарым жылаңач жаткан эмелер ордуларынан өйдө боло берди. Перизат эмне кылаарын билбей одеалды үстүнө тарта жылаңач этин калкалай көздөрү жайнап калтырап кетти:

- Эй акмак, бул эмне кылганың? - ачуусу менен Кубат одеалды сыйрып алды да, Перизатты сүйрөп дивандан түшүрүп эки жаагына эки чапты, - Шуркуя! - анан Бакытты көздөй умтулуп аны бир урганда ал да жөн турбады, экөө бир бирин муштум менен да, буттары менен да күч сынашып эрөөлгө чыккандай урушуп жатышты. Беттери, колдору кан болуп аянаар түрү жоктой..

- Кубат! - калчылдаган Перизат ачуу кыйкырганда экөө тең аны карай берди эле ал: - Мени жайыма кой, баары бир сени менен жашай алмак эмесмин, бирөөнүн убалына калба, күнөө менде! - деди көзүнүн жашын куюлта.

- Эмне-ее?! Күнөө сендеби, көрсө сен менин көзүмө чөп салып жүргөн экенсиң да, сен ырахат алчу эркектин кудуретин көрөйүн… - Кубат Бакытты заматта астына басып алып шымын шыпырып туруп чөнтөгүндөгү маки менен энегин кесип таштаарда Перизат жүгүрүп жетип Бакытты баса жыгылды. Ошондо колунда турган бычак келиндин ичине тыз эте кирип кетти эле "Аа-аа!" деп ичин баса өйдө болуп колу кан болуп жүргөнүн көрүп ого бетер кыйкырып ийди:

- Жедиң, Кубат, мени жедиң! - Бакыт шалдая аялын карап туруп калган Кубаттын алдынан туруп Перизатты жөлөй калды да, Кубатка карай алдастай сүйлөдү:

- Тез жардам керек, тез жардам! - Ошондо гана эсине келген Кубат сыртка чыгып баратып кайра кайрылды:

- Үйдүн номуру?..

- Мен өзүм эле.. - Бакыт жүгүрүп чыгып кетти.

Кубат Перизаттан коркуп жанына барса жаткан жери канга чыланып кетиптир: "Өлдүм, бул өлүп калса мен соттолуп кетсем апам эмне болот, эн-неңди, шуркуя, ушуну көрмөк", - деп делдейе карап турганда Бакыт келип калды. Ал кирээри менен Кубат тез-тез басып чыгып кетти. Колундагы макиси кала бергенин эстебеди. Жол бойлоп басып жүрө берди, көптөн кийин гана адвокат досун эстеп, ошого жөнөдү. Оюнда Перизатты өлдү деп ойлогон болчу. Кирип келген Кубатты көргөн Расул ордунан тура калды:

- Оо, кел досум, мындай отур, көптөн бери жолугуша элекпиз, эстеп бир келген экенсиң, - орундук көрсөтө кол алышып бакылдап, эч нерсени байкаган жок. Бир топтон кийин сүйлөбөй же саламына алик албай же отурбай өзүн тиктеп бозоруп турган Кубатты карап чоочуп кетти, - Ой, деги тынччылыкпы, эмне мынча?!

- Ээ досум, башыма иш түштү, сенден кеңеш сурап келдим, - Кубат көптөн кийин орунга отурду.

- Айт, айта бер, эмне иш, колумдан келгенин аябайм, дос!

Кудай уруп иш чатак, мен Перизатты өлтүрүп алдым.

- Койчу, эмне болуп?

- Ушинтип эле… - Кубат тунжурап бир аз отурду да, болгонун болгондой айтып берди.

- Жаман болгон экен, бирок бул жерде сен күнөөлүү эмессиң, сен ага шилтеген жоксуң да, туурабы?

- Жо-жоок, өзү келип тигинин үстүнө жыгылганда маки менин колумда болчу, кандай болуп тийгенин, кантип киргенин байкабай калдым, анын ачуу чаңырыгы, аккан кан гана көзүмө көрүндү.

- Эч коркпо, дос, анын эмне болгонун бил, кайсы ооруканада экенин такта, экөөбүз көрөлү, эгер өлсө, аны дароо эле моргго алпарат.

- Макул, мен барып билип келейин… - Кубат шаша сыртка чыгып кетти. Расул ал кеткенден кийин ары-бери басып ойлонуп жатты: "Демек ачуусу менен билбей калгандыр, шуркуяны туура кылыптыр, ушундай күйөөсү турса ойнош күткөнүн кара, байкуш досумдун башына өтө оор иш түшүптүр, коргоп беришим керек", - деп ойлонгуча телефон шыңгырады.

- Ало, бул ким?

- Мен, Расул, Кубатмын. Перизат тирүү экен, ал өзүн күнөөлүүмүн дептир!

- Оо азамат, анда адамдык кылган экен, куттуктайм, досум.

- Эч нерсе эмес, мен өлүп калды го десем, ичине кирбептир, сыртынан эле этин жырып кетип канаган тура.

- Жакшы, досум, сендей адамдын пейилине жараша бактың бар экен, бирөөгө жамандыгың жок ак ниетсиң.

- Рахмат, досум. Жакшы тур, өзүм барам. - Кубат тутканы коюп койду. Расул көпкө чейин "тү-үт, тү-үт" деген телефон үнүн угуп туруп, тутканы койду: "Демек, иш жайында экен", - деп ойлонуп, өз ишине киришти.

Перизаттын ичине аз жерден кирбей калган макинин учу анын терисин эше кирип токтоп калган экен, тигип койгондон кийин эч ким менен сүйлөшпөй жатты. Бакыт болсо анын жанынан чыкпай врачтар болбой чыгарганда гана кетти. Ал этинин көгала болгонуна кайып боло Перизаттын мындан ары өзүнө гана таандык болооруна ишенимдүү түрдө көзү жетип, кубанычы койнуна батпай турду: "Эми күйөөсү келбейт, сакайып чыкса туура эле үйгө алып кетип нике кыйдырам", - деген ойдо астыртан тойго камынып жатты. Перизаттын күнөөлүү болуп, күйөөсүн жоопко тарттырып ийбегенине бир туруп жини келсе, бир жагы өзү да жооп берээрин ойлоп: "Туура кылган экен", - деп ага ыраазы. Кубат ошол эле күнү айылга барып кайненесине болгонун болгондой айтып берди. Эне көпкө чейин үн катпай отуруп, анан:

- Балам, Чачыкей экөөбүз силерди жакшы тилек менен үйлөнттүк эле, кызымдын өзү менен да сүйлөшүп көрөйүн, менде кайсы сөз болмок эле..

- Мен Перизатты аман-эсен колуңузга тапшырайын деп аткам, анан ушундай иш болуп кетти, ачуум менен ага тийбей беркисин өлтүрүп салайын десем үстүнө жата калып…

- Макул, мен Перизаттын өзүн көрүп келейин. - Эне күйөө баласын жаман айтпай узатып коюп, өзү шаарга жөнөдү. Сагын эне келгенде Перизат басып туалетке барып келаткан, апасын көрүп ыйлап жиберди. Эне-бала көпкө сүйлөшүштү, ары кетишти, бери кетишти, бир бирине түшүнө алышпады. Акыры эне кызына таарынып чыгып баратканда палатанын эшигинен Бакыт менен сүзүшө кете жаздады. Ал кирип келаткан эле..

Эне кызын бир, чоочун жигитти бир карап коюп, чыгып кетти.

- Эмне болду, Перизат, эмнеге ыйлап жатасың? - деп ал кирээри менен Перизатка үйрүлө түштү.

- Эч нерсе.. айылдан апам келиптир, топурагымды түйүп берем деп кетти.

- Коркпо, жаным, эне деген бат эле жибийт, жүрөгү чыдабайт, экөөбүз аларга барып келебиз. Көрөсүң го, ыйлабачы, жаным.

- Билбейм, Кубат баарын айтып барыптыр, агаларым укса андан жаман болот ко? - Перизат көздөрүн жашылданта Бакытты карады.

- Эчтеке болбойт, алар деле түшүнөт сүйүүнү, сен коркпо, биз бактылуу жашайбыз, баарын көндүрөбүз, бир бактылуу болсок эле алар эчтеке дей албай калышат.

Перизат үндөбөй отуруп калды, ичинен жибин сууругандан кийин Бакыт өз үйүнө чыгарып келип алды. Жакшылап карап, жарааты айыккандан кийин нике кыйдырып той жасады. Азыр экөөнөн өткөн бактылуу киши жок эле. Перизат: "Сүйүү деген эмне экенин билбеген бойдон өтмөк экенмин, мен дагы Бакытты сүйөм, демек мен бактылуумун, апам түшүнөөр акыры бир күнү", - деп өзүнчө чексиз бактылуу болуп кыялданып жүрө берди. Бакыттын тилегени ордунан чыгып, Перизат өзүмдүк болгондон кийин эми: "Төрөп берсе, балалуу болсом", - дегенде ак эткенден так этип, күндө Перизатка бала жөнүндө кеп кылчу болду. Бир күнү экөө чай ичип отурушкан. Бакыт Перизаттын жанына келип кучактап:

- Алтыным менин, менин бактылуу болуп турганымды билсең, - деп бетинен өөп, шарт көтөрүп диванга алып барды, - Сен мени балалуу кылсаң жүрөгүм жарылып кетпес бекен, мындан ары тагдырым сенин колуңда! - Экөө диванда ары-бери жулмалашып ойноп жатты, - уул төрөп бересиң, ээ?

- Жок, адегенде кыз, анан кийин уул, - Перизат эркелей көзүн сүздү.

- Жоок, адегенде уул бала болот, куду мага окшош, анан кыз, ал сага окшогон сулуу болот.

- Кыз болгону жакшы, мага жардамдашат.

- Уул болот, ал менин жардамчым, орун басарым болоорун унутпа, - Бакыт аялынын ууртунан өөп, мурдунан чымчып койду.

- Макул-макул, сен айткандай эле болсун, кудайдан а дегенде берээрин сурайлы…

- Жаным го менин! Уул төрөп берсең, балалуу досторумду чакырып жээнтек той берем, ошондо агаларыңды, апаңды чогуу чакырабыз.

- Андан мурун барып келсек болот эле апамдын батасын алып.

- Барабыз, алтыным. Жакында алып барам, бир тууганым же жакын тууган жок, алысыраак агаларымдан кошуп алсак жакшы болоор?

- Болсо кошуп алганыбыз туурадыр. - Ошентип экөө кеңешип отуруп туура бир айдан кийин Перизаттын төркүнүнө бармай болушту. Азыр алардан өткөн бактылуу жоктой сүйүүгө, бактыга карк болушуп, алдыдан жалаң жакшылыкты күтүп жатышты. Бирок аларды кандай тагдыр күтүп турганын өздөрү билген да, туйган да жок. Тек экөөнү кошуп койгон кудайга ыраазы.

Кубат батирдеги апасы берген азыноолак буюмдарын көчүрүп, апасынын жанына кайра келип алды. Ойлуу, басса-турса Перизаттын жеңилдиги, өзүн башка эркекке алмаштырып, чак түштө ойношуна жалынып-жалбарып жатканы эсинен кетпей кыйнала берет. Бир туруп Мээримдин баладай таза мүнөзүн, жаркын жамалын, ишенчээк жумшак кыялын эстеп отуруп, аны көргүсү, жолуккусу келет, сүйүү жыттанган илебин эңсейт.

Уулунун ички кайгысын сезген эне ичтен сызып сөздү башкадан баштап, жөн-жай тиричиликтеринен гана кобурашкан болот. Каалап алып берген келини өзү менен келишпей бөлүнүп кеткени аз келгенсип, уулунун кадыр-баркын түшүрүп күйөөгө тийе качканына нааразы: "Уулум менен менин жакшылыгыбызды билбесе кудай бардыр, ушул убакка чейин согончогу канабады эле, эми өмүр бою бала жытына зар болуп өтсө экен, жалгызымды кордосо кордугун тартаар", - деп басса-турса сүйлөнөт. Кубат энесин аяп үйдө жүргөнүндө көңүлү көтөрүңкү көрүнгүсү келип санааркап жүргөнүн билдирбеске аракеттенет. Көбүүнчө жолдоштору келип ээрчитип кетип, кээде ичип келет. Күйүтүн сыртка чыгарбайт. Күндөн күнгө ызасы тарап, Перизаттын кылыгы унутула баштады. Дилинде ошонусу туура болгондой, болбосо бир бирин сүйбөсө деле дүлөй жашоодо жашай берчүдөй сезилип, андан эрте кутулганына сүйүнүп алат. Ал эми Мээримди болсо кайрадан сүйүп, эңсегени күчөй берди: "Кызык, ал азыр бактылуу аял, мээрман эне, күйөөсүн бактылуу кылып жадырап маңдайында. Менчи, менин андай бакытка укугум жокпу,, мага сүйүүнүн никеси буйрубаганбы?" - деп ойлонуп алат. Ойлонгондо да жок дегенде алыстан бир көрүп эс алгысы келип шаарга баргысы келди: "Мейли, мен бактылуу болбосом да Мээримим бактылуу болсо болду, ошонун бактысы менин бактым", - деп үйүнөн бир-эки күндүк жумушу бар экенин айтып жолго чыкты: "Алмончоктой уулдарды төрөп берип, күйөөңдү бакытка бөлөдүң.. Аттиң, ошондо неге айтканыма көнбөй кетип калдың, болбосо баары ойдогудай болмок. Тилегимдин баары ойрондолуп, сенин элесиңди жүрөгүмө бек сактап кала бердим", - деп ойлоп кетет.

***

Дуулат эмне дээрин билбей дел боло туруп калды: "Гүлжамал, сен ушинтмек белең, сени айыктырам деп ойлободум беле? Аттиң, жеңилдик кылган экенсиң, сени унутуш мен үчүн кыйынга тураарын билсең гана??!" - деп эңкейе Ырысбекти кучактай калып солкулдап жатты. Ошол учурда Айзат жүгүрүп келип:

- Сиз менин акымды берип коюңуз, эми бул жерден кетүүм керек, - деди.

- Аа-аа, азыр.. азыр берем… - Дуулат төш чөнтөгүн сыйпалай тутамдап акча алып чыкты да:

- Сен кечинде аны караган жок белең, жок дегенде врач чакырууң керек эле го? - деди үнү каргылдана.

- Мен… мен кирсем уктап жатыптыр. Тынч уктай берсин, ойгонсо тамак берейин деп ойлогом. Кийин кирсем аябай кыйналып жатыптыр, тез жардам келгенде кеч болуп калыптыр, - Айзат күнөөлүүдөй жер карады. Ал эптеп эле акымды алсам бул жерден жоголсом дегендей Дуулатты жалооруй баш көтөрө жалдырады, - Мен эми кетишим керек, мени түшүнүңүз.

- Макул, барсаң бар, мына акың, - Дуулат колундагы тутам акчаны санабай сунганда кыздын күнөөсүз каректери аны теше тиктеди:

- Бул акча көп го, менин акым үч миң..

- Жок, ала бер, - колун шилтеген Дуулат элди жирей үйгө кирип келди. Жанында ыйлап отурган акжуумал толмоч аял аны чоочуркай карап коюп, жоолук менен көз жашын аарчый кетти:

- Кагылайын чырагым ай, балдарымдан башкача элең го, мени кууратып жаныңа эмне күч келди, көлөкөм?!

Дуулат анын Гүлжамалдын апасы экенин түшүндү. Жетип эле үстүнө жабылган акты ачып жиберип күлүмсүрөп уктап жаткандай, Дуулаттын келгенин сезгендей, эми эле көзүн ача койчудай туюлду. Чөгөлөй калды да, эбак эле муздап калган колдорун сылап көзүнөн жашы ылдый көздөй кулады: "Неге, неге өз жаныңды кыйдың, неге бир аз чыдабадың, баары бир экөөбүз бирге болот элек го? Мээрим өзү жооп бербеди беле?!" - деп сыздап жатты. Аңгыча сырттан кирген өзү курактуу бирөө аны ийинден силкти:

- Эй, сен кимсиң, өзүңдүн аялың өлгөндөй ыйлап атасың да жөн эле? - кекээрлей үн каткан адамды бурула караган Дуулат:

- Мага эч ким эмес, бирге окуганбыз, чогуу иштечүбүз, акыркы күндөрү дарылап жаткан мен элем.

Аа-аа, анда сен өлтүргөнсүң го, эмнеге анын жанына дарыларды таштап койосуң, мунуң үчүн жооп бересиң!

- Байкап сүйлө, тууган. Акыркы күндөрү кандай абалда калганын көргөнсүң да, ошол абалда таштаганда эбак өлмөк. Үй кызматчы жалдап, балдарыңа каралашкан менмин!

- Эхе-е, сен андай боорукер болсоң биротоло айыктырбайт белең?!

- Айыгып эле калган, сага караганда өтө намыскөй тура, кайрадан эл аралап басуудан уялыптыр.. Болбосо сен балдарыңдын ал-абалын көрүп туруп кетип калып, кантип чыдап келбей жүрдүң? - Дуулаттын ачуусу келгенинен эки муштуму түйүлө калчылдап кетти, - Сура балдарыңдан?!

Ошол убакта Ырысбек ортого түшө калып:

- Ата, бул киши бизди бир өлүмдөн алып калган, чындап эле сиз келгенде жаман абалда болчубуз, аны сиз көргөнсүз, бирок бизге нандык тыйын таштамак турсун, апамды сөгүп кетип калбадыңыз беле?!

- Болду сүйлөбө, апаңдын ойношторун мага мактап жатып калбай!

- Билсең, мен Гүлжамалды сүйчүмүн, алагачып кетип кадырына жетпей, ушул абалга келип өлүшүнө сен күнөөлүүсүң, уктуңбу?

- Эмне-е, сүйгүчүлүн мунун, андай болсо тиги дүйнөгө чогуу узатайын, - деген Гүлжамалдын күйөөсү Дуулатты жакадан алып, өйдө тартты, - Ийи дагы айтып койчу, сенин сүйгөнүң беле?

- Ооба, сен болбосоң биз чогуу болмокпуз, убалына калдың, ар намысың жок экен!

- Мына сага ар намыс! - деп муштуму менен коюп ийгенде Дуулат да аны бир койду эле, турган эл ажыратып коюшту.

- Сенин ордуң түрмөдө, сендейлердин сазайын түрмө гана берсин, балдарыңды кайыр суратып коюп аялдын койнунда жаткан сен өлсөң болмок! - Дуулат жерге түкүрүп басып кетти.

- Надырбек! - деди ошондо Гүлжамалдын апасы Сурма тура калып, - Туура айтат, кызымдын убал-сообу сага жетсин, балдарыңа карабай кетип калганыңда ызаланып ушул абалга жетиптир да шордуу кызым! Эми Сенин бул жерде керегиң да жок, өзүбүз эле коюп алабыз, топурак салууга акың жок, кет бул жерден! - Эненин сүйлөп жатып да көз жашы бетин жууп турду.

- Көмсөңөр көмүп алгыла, мага кереги да жок! - Надырбек да дароо дарбазадан чыгып кетип баратканда Ырысбек карындашы менен инисин жетелеп алып:

- Ата, биз кантебиз, биздин да керегибиз окпу? - деди соолуктай. Жанындагы экөө да ыйлап турган. Чогулган элдин үч баланы көрүп кошо ыйлаганы атаны жибите албады:

- Силерди таенеңер менен апаңардын сүйгөнү багып алсын! - деп басып кетти.

Карап тургандар жерге түкүрүштү, адам сыяктуу айбандын жадагалса балдарына жакшылыгы жок неменин тез эле кетип калышын самап турушту. Сөөк жай алалекте болуп өткөн дал ушул окуя бир топ адамдар үчүн таң калыштуу болду. Эртеси өлүктү алып жөнөгөндө Дуулат пайда болду, ал жалгыз эмес, бирге иштеген врачтар да бар эле. Надырбек келбеди, балдарына чоң энеси келип эки уулун алып кетти, кызы Камиля таенесинде калды. Дуулат ошол күнү үйүнө абдан чарчагандай келди. Аны көргөн Мээрим:

- Тынччылыкпы? Эмне мынча капалуусуң, ишиңде бирдеме болдубу? - деп үйрүлө калды. Эки уулу өздөрүнчө кужулдашып ойноп отурган.

- Ишимде эч жаман нерсе жок, бүгүн Гүлжамалды жерге берип келдик, - деди көңүлү суз.

- Жаман болгон экен, ичкиликтен уулангандыр сыягы?

- Жок, андан оңолуп калган, өзү дары ичип алыптыр.

- Байкуш, жаткан жери жайлуу болсун, балдарына кыйын болду го эми.

- Ким билет, атасы алып кетет да, жаш өлүп калган өзүнө кыйын болду.

- Балдарына эне мээрими жетишпей чоңойот, атасы энедей болмок беле?

- Кой Мээрим, ал эми өлдү, бүттү, өзүбүзгө кудай өмүр берсин, балдарыбызды эч нерседен кем кылбай өстүрөлү, ар бир адам пешенеге жазганды көрөт эмеспи.

- Туура, ушул бактыбыздан кемитпесин, багыбызга сен аман болсоң болду, - Ойноп жаткан балдарына ичи элжирей кетти. - Садагаларым десе, койондой окшошуп ойноп атышканын, ырыстарым десе.

- Бактылуумун жаным, сени маңдайыма жазып койгон тагдырыма ыраазымын, эми бир кызды өзүңө окшотуп төрөп берип койсоң болду.

- Койчу, Дуулат, кызды да уулду да кудай берет, берсе аный дебейм, бербесе келе дебейм деп ушуга шүгүр дейли.

- Акылдуум менин, дайыма ушунуңдан жазба, ырысым, бактым, менин байлыгым баары-баары силерсиңер! - Дуулат аялын имере кучактап кучагына кыса, - Актан, Арслан, апаң меники, кана кимиңер апаңарды жакшы көрөсүңөр? - деди көзүн кыса.

- Мен.

- Мен дагы, - дешип эки уулу тең жүгүрүп келишип экөөнү кучактай чурулдашты, - апам меники, жакшы көрөм!

- Меники, мен да жакшы көйөм..

- А мени жакшы көрбөйсүңөрбү? - Дуулат таарына тултуя калганда:

- Сизди, апамды жакшы көрөм, - Актан мойнунан кучактап алды.

- Ата, ата дейм, мен экөөңөйдү тең жакшы көйөм, - Арслан Дуулаттын бутунан кучактады, - тайынбайсыңбы?

- Окшошкон садагаларым десе, силерге таарынбай калайын, - отура калып экөөн тең эки жагына колтуктап беттеринен өөп, - силердин жүзүңөрдүн муңайганын көрбөсөк экен апаң экөөбүз, - деп тизесине эки уулун отургузуп алып эркелетип атты. Мээрим арыдан бери тамак жасай койуп дасторконго отургузуп тамак берип жатты. Бул үйбүлө ушул кезде абдан бактылуу эле…

- Келгиле эми, ата-бала тамагыңарды ичкиле, кеч кирди, уктагыла, - Эки уулунун алдына тамак берип жатууга камынышты.

Күн билинбей арылдап аккан суудай агып, адамдын өмүрүн кошо уурдап, жамандыкты ойлобой, жашоодон жалаң жакшылыкты күткөн пенделердин күнүмдүк тиричилиги токтобой өтө берди. Гүлжамалдын өлгөнүнө кырк күн болду, күн алыс анын бейитине гүл алып барып, куран окуп келчү адат пайда болду Дуулатка. Эртеңки күнү алардын үйбүлөсүндө кырсык күтүп турганын билишпеди. Тек бактылуу жашоосуна ыраазы болуп, Мээрим да дипломун алган менен иштеген жок. Дуулатты, эки уулун жууп тазалап, тамагын жасап, үй тиричилигинен чыкпай, өзүн бактылуу деп санаган мээримдүү аял: "Баары бар, уулдарым, күйөөм, дүнүйөм түгөл, башка дагы эмне керек, иштесем балдар жүдөп калат", - деп ойлоп балдары чоңойгондо иштөөнү чечти.

Дуулат Гүлжамалдын бейитине баруу үчүн таң атпай жөнөдү. Гүл алып алды да, бозоргон дөбөнүн четине отура калып куран окуду, колун жая бата кылып бетин сылай көпкө ойлонуп отуруп калды: "Асылым, эмнеге эрте кеттиң? Аттиң, өмүр деген жаандан кийинки тамчыдай мөлт этип жерге тамган соң сиңип жок болчу нерсе экен, сен кечээ эле жайлоонун кызгалдагындай жайнаган асылкеч кыз элең, эми минтип кара жердин кучагында ууч турпакты жазданып жатып калдың, ата көрү-үү, экөөбүз үйлөнгөндө өлбөйт белең.. Билесиңби, экөөбүз сүйлөшүп жүргөн бактылуу күндөрдө бир бирибизден бөлүнбөйбүз, өлсөк бирге өлөбүз деп антташкан элек, бирок тагдыр экөөбүздү эки жакка бөлүп койду. Менин үйбүлөм бар, мени кечир асылым, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун", - Дөбөнүн топурагын сылай жүзүнө тийгизе өйдө туруп артына бурула берип, Надырбек менен үч-төрт жигитти көрдү. Алар өзүн көздөй басып келаткан экен. Надырбек өтүп кетүүгө умтулган Дуулаттын алдын тосуп калды:

- Эхе-ее, сүйгөнүңдү унута албай кыйналып таң атпай келгенсиң го? - Кекээрдей күлдү.

- Анын эмнесин сурайсың, өзүң сүйүп көрсөң түшүнөт элең.

- Сүйүүгө башымды ооруткум да келбейт!

- Анда жолду тоспо, өлчү киши өлгөн, экөөбүздүн талаша турган эч нерсебиз жок!

- эмнеге? - Надырбек кытмырлана жылмайып алды, - Экөөбүз эсептешчү иш көп, сөөк башында айткан сөздөрүң үчүн жооп бересиң!

- Эмнеге жооп берем? Чындыкты айткандын эмнеси жаман?

- Чындык?! - Надырбек Дуулаттын жакасынан силке кармап калды, - Чындыкты сага азыр көрсөтөм!

- Тарт колуңду, мен сага жакшылыктан башка оюм да жок! - Дуулат умтула бергенде Надырбек бутунан чалып жиберди.

- Кайда ашыгасың, сени Гүлжамал күтүп жатпайбы?! - жыгылып кеткен Дуулатты тээп калды эле ал сылык эне:

- Болду, уят болуп каласың, адамча сүйлөшө албайсыңбы? - деп ордунан турууга аракеттенгенде беркилер кайрадан тепкилет киришти. Надырбек жакадан алып өйдө кылды да:

- Кана, сен Гүлжамалдын сүйгөнү белең? - деди сурдана.

- Ооба, сен болбосоң биз үйлөнмөкпүз, экөөбүздү эки бөлгөн сен болгонсуң! - Дуулат тартынбай тике карады, - Кадырына жете алган жоксуң!

- Эми сен жетесиң, сени азыр Гүлжамалдын жанына жөнөтөм! - деген Надырбек аны муунта баштаганда Дуулат аны жаны ачый колтук түпкө коюп калды, - Аа-аай энеңди! - Надырбек кыйкырганда тиги үчөө анын колдорун артына кайрыды эле, - Колуңардын тагы калбасын! - деген Надырбек бетаарчы алды да алаканы менен оозу-мурдун бекем басып, жерге ныгырды. Анан үстүндөгү күрмөсүн чечип башына ороду да, кыймылдатпай бир топко үчөө-төртөөлөп басып турушту. Дуулат тыбырчылап жакшы эле каршылык көрсөтүп жатып, көптөн кийин дымып калды.

- Өлдү окшойт, болгула кетип калалы, - деди бири.

- Өлбөй калса шорубузду катырат, чындап өлсүн, койо тургула! - Надырбек карылуу колдору менен карыштыра кармап алып тура берди. Дагы бираз тургандан кийин: - Болду кеттик, мүрзөнүн үстүнө алпарып койгула! - деп Надырбек башына орогон күрмөсүн алды да, буту менен Дуулаттын денесин тээп койду. Денени көтөрүп алпарып Гүлжамалдын мүрзөсүнүн үстүнө көмкөрөсүнөн жаткырып коюшту да, жөнөп кетишти…

Чиркин, адам өмүрү заматта жаркырап жайнап туруп, кайра көз ачып жумгуча не болоору табышмак го. Дуулат өлдү, деп тартпай көрүстөн үстүндө сулк жатты. Эмеле балдары, алган жары жөнүндө ойлонуп, не деген асыл кыялдардын үстүндө калкып, жүрөк түпкүрүндөгү унутулгус сүйүүсү менен коштошкону келген асыл жан эми жансыз. Көрүстөн айылдан алыс жайгашкандыктан күнү кечке эч бир жан көрбөдү аны.

Мээрим кеч киргенче тамагын жасап күтүп отуруп тажаганда балдарынын жанына кыңкайды. Сансыз ойлордун жетегинде: "Балким башка бирөө менен жүрүп алгандыр.. Жок, жоок, Дуулат андайга барбайт эле, жумушу чыгып калгандыр, кеч келээр", - деп ойлонуп жатып көзү илинип кетти. Эки уулу: "Атам качан келет?" - деп алмак-салмак сурай берип акыры уктап калышкан. Түн өтүп, эртең менен эрте ойгонгон Мээрим тынчсызданып жүрөгү бир нерсени сезгендей кыжаалаттанып жатып, саат тогуз болгондо ишканасына уулдарын ээрчитип жетип барды. Ал жердегилерден кечээ күнү Дуулаттын жумушка келбегендигин уккандан кийин ого бетер сарсанаа болуп үйүнө келди: "Кайда кетти, анчалык зарыл иши болсо айтып кетмек, деги аман болсо экен", - деген кыжаалатчылык менен отуруп тааныштарына телефон чалды, эч ким көрбөптүр, шалдайып отуруп калды.

Түн.. жымжырт, көрүстөн үстүндөгү сулк жаткан өлүктүн жанына ак кийимчен аял пайда болду, Дуулаттын башынан сылай үн катты: "Сен жашашың керек, сенин бул жакка келээр убактың боло элек, тур, тур, ту-уур!" Дене адегенде солк этип алды, жан киргендей болду, түш көрүп жаткандай, мемиреп мамык төшөктөн тургусу келбей уйкудан көзү ачылбайт. Гүлжамал анын баш жагында отурду: "Тур, Дуулат, сен жашайсың, көөп жашайсың", - деп денесин сылагылаганда анын колунан нур сыяктуу жарык чыгып, Дуулаттын денесин кыймылга келтире баштады: "Гүлжамал, мен кетпей эле койойунчу, сени менен эле калайын, мени сага атайын алып келишти, эми мен кетпейм", - Дуулат кыйыла дале ордунан козголгусу келбейт. Өзү жаткан мамык төшөк таптакыр башкача жумшак да, жылуу да сезилди. Колдорун созо Гүлжамалга карай умтулду: "Гүлжамал, качпачы менден, менин сенден ажырагым келген эмес, эми биротоло бирге бололучу, мени кучагыңа тартчы, качпа!" - деп ордунан турууга далбастады: "Сен мени менен эч качан бирге болбойсуң, Дуулат. Тур ордуңдан, балдарың, аялың күтүп калышты, сени өлтүрөбүз деген зөөкүрлөр өз жазасын алышат". : "Мени күм өлтүрөм деди эле? Койчу Гүлжамал, менден качпай кучагыңа алчы, сагындым сени". "Жок, Дуулат, экөөбүздүн эки дүйнөдө тең бириге албасыбызды билип ал, андан көрө периштелердин жардамы менен бул жакка келээр маалың боло элек үчүн сага кайрадан жан кирди, сени өлтүрөбүз дешкен Надырбектер жакында өз жазасын алышат, алардын күнөөлөрү көп, тур эми, тур ордуңдан!" Гүлжамалдын элеси алыстан барып жок болуп кетти.

Өлүм менен өмүрдүн ортосунда кыйналып жаткан Дуулат адегенде көзүн ачты эле, күндөн уяла кайра жумду көзүн. Ордунан жылып аздап өйдө болду, көзүн ачты. Көзүн ачып эле чоочуп кетти, эсинде эч нерсе жок, ээн талаада көрүстөн үстүндө жатканын көрүп кайрадан жыгылды, эстен танды…

Ошол бойдон дагы эки күн жатты. Экинчи күнү түш оой бергенде көрүстөнгө өлүк алып келгендер көрдү аны, жансыздай мүрзөнүн үстүндө сулк жаткан адамды көрүп бир-эки адам боор ооруп, кетээринде бир машинага салды да, ооруканага алып келди. Ошол ооруканада Дуулатты тааныган врач бар эле, ал көрүп эле чоочуп кетти:

- Бул кайдан экен, кайдан таптыңар? Аялы кайра-кайра чалып, эки күндөн бери жоголуп, үйүнө келбей атканын айтып кабатыр болуп жүргөн. Кайран досум, бир зөөкүрлөргө туш болуп калган го?!

- Жо-ок, көрүстөндө бир мүрзөнүн үстүндө жаткан жеринен алып келдик.

- Мүрзөнүн?! - врач ойлоно калды. - Мм, мм.. Ал кайсы жактагы мүрзөдө жатыптыр?

- Кызык, тээтиги Асылбаштан аркы четтеги мүрзөлөр бар экен го, ошого бирөөнү койгону барганбыз..

- Да, да-аа, түшүнүктүү… - врач ойлуу Дуулатты карап койду. Анан беркилерге карап: - сиздер бара бериңиздер, рахмат! - деди да, тезинен аны дарылоого киришти: "Денесинде эч бир жаракат жок, болгону өзүн жоготуп койгон", - деген ойго келип, укол сайдырды сестрага: "Бул Гүлжамалдын мүрзөсүнө барган экен", - деп ойлонуп, укол-дарыларын дайындап берди да, өзү Мээримге жөнөдү. Ал келгенде үйүндө Дуулаттын агасы, карындашы, иниси отурган эле.

- Келиңиз, Дуулаттан кабар барбы? - мээрим аны көрүп эле сурап жиберди, - Теңдик аке, жакшы кабарбы?

- Ооба-ооба, Мээрим, ошону айтайын деп келдим… - деп босогодо туруп калганда баары аны эмне деп айтып ийет дешип жалдырай карап орундарынан тура калышты.

- Кириңиз, төргө өтүңүз, жакшы кабар болсо эле болду. - Мээрим кичипейилдик менен сыпаа колун төрдү көздөй жаңсады.

- Рахмат! - Теңдик өйдө өтүп мандаш токуна отуруп өзүнөн сөз күтүп отурушкандарды сыдыра карады, - Иш мындай, Дуулатты мүрзөнүн үстүнөн эсин жоготуп жатканын көргөндөр алып келишти, эч жеринде жаракат жок, болгону өзүн жоготуп койгон.

- Кайсыл мүрзөдөн, каердеги? - Мээрим чоочулай сурады, - Мм, мүмкүн Гүлжамалдын мүрзөсүндө болуп жүрбөсүн?

- Аа-аа.. ошол.. ошол жактагы мүрзөгө бирөөнү койгону барышкан экен…

- Түшүнүктүү… - ойлуу телмире калды, - деги аман эле болсо болду.

- Чайга караңыз, жакшы кабарыңыз үчүн сизге рахмат, - Дуулаттын карындашы Гүлжамалдын ысымын уккандан кийин ыңгайсыздана чай куюп сунду.

- Ичтик, рахмат. Мен барайын, укол-дарыларын дайындап келе бергем.

- Биз да баралы, көрүп жанында болбосок болбойт, - агасы ордунан турганда баары кошо турушту. Мээрим ичинен: "Байкуш, атайы барып, күйгөнүнөн ыйлап отуруп эсин жоготуп алган го, машинасы кайда калды экен?" - деп үнсүз алар менен бирге ооруканага жөнөдү.

Баары чогулуп ооруканага келгенде Дуулат бир аз кыймылга келип, ар кайсыны дөөрүп, эти ысып аткан эле. Теңдик аны көрдү эле, чоочуп өзү укол берип, жанына Мээрим отурду. Агасы, иниси менен карындашы үнсүз тегеректеп турушту. Ар биринин оюнда: "Эмнеге Гүлжамалдын мүрзөсүнө барды экен? Алигиче унуталбай жүргөн го, өлгөнүн угуп катуу кейип койгон окшойт", - дешип ой жооруп жатты. Мээрим болсо: "Унуталган эмес экен, аргасыз жашоо тажаткандыр, Гүлжамалдын өлүмү катуу тийген тура", - деген ойдо эки көзүн Дуулаттын алоолонуп кызарып турган жүзүнөн албай демиккенин тыңшап отурганда Дуулат жөөлүп кирди:

- Гүлжамал, качпа менден, мени таштап кетпе, мен сенден ажырабайм! - башын чулгуп кара терге түшүп кыйналып жатты.

- Дуулат, Дуулат дейм, тынчтанчы! - агасы анын жанына жетип келип башынан сылай колдорун кармалады. Мээрим мостойгон бойдон отура берди. - Эсиңе келчү, көзүңдү аччы, Дуулат?!

Дуулат эч нерсе сезбей өзүнөн өзү кыймылга келип, колдорун булгалап сүйлөй берди:

- Жок, жоок, Гүлжамал, мени таштап кетпе, мени, мени таштаба-аа! - деп башын көтөрө отура калды, колундагы ийне суурулуп кетти, - Мен.. мен кайдамын? - элеңдей тегерегиндегилерди карады.

- Акырын, сен ооруканадасың, тынч жатышың керек, - Теңдик анын маңдайына келип жылмая карады, - Сен бир аз ооруп калдың, дос. Тынчыраак жатып, дарыланышың керек!

- Эмнеге ооруйт элем, эч жерим ооруган жок, мени алдабагыла, - Дуулат ордунан туруп кетейин дегенде эки буту, бели "зырп" дей түшүп, кайра отуруп калды. Мээримдин жүрөгү муз болуп, эмне кылаарын билбей ызаланып атты: "Чындыгында мени менен аргасыз эле жашап жүргөн экен да? Чырактай уулдары, оюндагыдай аялы болуп мен турсам, өлгөн эменин азасынан өзүн жоготуп жүргөнүнө кантип чыдайм? Менин жүрөгүм ушуну сүйдү беле, намыс деп чыдап көнүп бербедим беле?!" - деп ойлоп дилинде сыздап жатты.

Этинин ысыганы кайтып, бир аз өзүнө келе түшкөндөн кийин эки жагын абай сала карап Мээримди көрдү:

- Мээрим, сен дагы биердесиңби? Балдар кана, алар жалгыз калдыбы?

- Жок, өзүңдү кара, балдардын жанында акемдин кызы Зарыл бар. Сен жакшы эле болсоң, биздин бактыбыз ошол! - Мээрим эч нерсе болбогондой тынчтандыра күлүп сүйлөгөндө Дуулаттын бир туугандары бир бирин карап астыртан врачты бир карап туруп калышты. Ыңгайсыз абалды Теңдик оңдоп кетти:

- Дуулат, сен эстүү, билимдүү жигитсиң да, үйбүлөңдүн эси чыгып эки күндөн бери тынчсызданып атышты, эми сен өзүңдүн денсоолугуңду кара, аялыңды, балдарыңды ая.

- Мен эки кайда жүрдүм, биерге кантип келдим? - Дуулат таң кала айланасындагыларды карады, - мага эмне болду эле?

- Эс ал, досум, эч нерсе болгон жок. Бир-эки күндө үйүңө барасың, - Теңдик беркилерди карады: - Силер эми үйгө бара бергиле, баары өттү-кетти, корко турган эч нерсе жок.

- Мен ошончолук эле… - Дуулат башын мыкчый кроватка жатып калды, - Мага анчалык эмне болду эле… - Жаткан бойдон көзүн жумуп, өткөндү эстегенге аракет кылып жатты. Ал жатып калганда баары чыгып кетип, врач менен сестра калды. Дуулат үнсүз, колдоруна ийне сайын жатканды сезбегендей нес болуп калды. Ошол күнү дагы түндөсү эти от менен жалын, сүйлөнүп жөөлүп, Гүлжамалды чакырып жатып уктап кетти. Түшүндө дагы эле Гүлжамал менен сүйлөшүп кыйналып чыкты, түнү бою жанында Теңдик отурду. Эртең менен гана өзүнө келгенсип, сестрага кайрылды:

- Суу бериңизчи!

- Азыр… - Сестра суу алып келди эле, таңдайы каткандай жутту да, "өх" деп алып жатып калды.

Ойлонуп көпкө жатты, акырында эсине бүдөмүк окуялар түшүп, улам унутуп кайра эстеп жатты: "Мени өлтүрөбүз деп өлтүрө алган эмес тура. Шашпа, сакайып алайын, силерге көрсөтпөсөмбү" деп кекенип алды. Жакшы болуп күндөн күнгө өзүнө келе баштаган менен ордунан тура албай калды, белинен ылдый кыймылга келбей санаага батып: "Ушул бойдон баса албай каламбы, Мээрим мени таштап кетип калса канттим, жок, жоок, мен басам!" - деп атайы өзүн өзү алдап да, сооротуп да жүрдү. Антип-минткиче арадан бир ай өтүп кетти. Мээрим күндө үч маал ысык тамак алып келип, отуруп көңүлүн жубатып, кээде балдарын алып келип көрсөтүп турду. Дуулат аялынын кабак-кашын карап, келген сайын: "Эмне дээр экен, 'тажадым, сен эми баспай калдың, мен кетейин' деп айтабы", - деп жүрөксүчү болду. Бирок андай болбоду. Мээрим бир калыбынан жазбай, келген сайын ага үйрүлө түшүп турат.

- Дуулат, өзүңдү кара, жакшы болуп кетесиң. Бизди көп ойлонбо, ишиң жүрүп жатат, өзүм жетектеп атам, балдарды болсо сиңдиң карап багып, жакшы эле жүрүшөт. Башкысы өзүң врачсың, көп ойлонбо.

- Мээрим, - Дуулат ойлуу аялын карады. - Мени кечиресиңби, балким Гүлжамалдын мүрзөсүндө жатып калганымды билген чыгарасың.. Ооба, ырас, баргам. Бат эле баса берем деп ойлогом…

- Анан, анан эмне болду?

- Гүлжамалдын күйөөсү, машинаны да ошолор алып кетишиптир, демек мен алардан өч алышым керек!

- Койсоңчу, Дуулат, аларга кудай өзү көрсөтөт. Бирөөгө жамандык кылсаң анын корун тартасың, андан көрө сен кечиримдүү бол. "Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер", - дегенди уксаң керек?

- Уккам… бирок алар…

- Жоок, сен кудайга кой, кудай: "Кечирем, кечирем… Кеч урам", - дейт эмеспи.

- Ошентсе да… Мээрим, сен мени таштап кетпейсиңби?

- Эмне, ал эмне дегениң Дуулат? Балдарымды бирөөгө кор кылганча сенин эшигиңде гана кириңди жууп, тамагыңды жасап маңдайыңарда отурганым жакшы, андай ойдон алыс бол, мен сени таштап эч жакка кетпейм.

- Алтыным менин, акылдуум десе, сага жолуктурган жаратканга ыраазымын…

- Кой мен барайын… сен көп ойлонуп сарсанаага бата бербе, жакшы болууга аракеттен, денсоолугуңду ойло.

- Макул алтыным, барсаң бар эми, өзүңө да, балдарга да кара.

Мээрим Дуулатты эки бетинен өөп коюп чыгып кетти. Дуулат анын артынан ойлуу тиктеген бойдон улутуна отуруп эки бутун сылап койду: "Оо жараткан, эки бутум басып эл аралап, балдарым менен алган жарымдын маңдайында куландан соо отураар күнүм бар бекен?"

Теңдик Дуулатты колунан келишинче кымбат укол, дарылар менен дарылап атты, бирок эч жылыш жок. Бир күнү Дуулат ага минтти:

- Досум, сага рахмат. Мени ушунча карап жатасың, эми үйгө барып өзүм билгендей дарыланып көрөйүн, уруксат бер!

- Дуулат, сен түшүнсөң, азыр үйүңө барууга болбойт, белиңден ылдый ренгенге тартып текшериш керек болуп турат, андан көрө айтчы, сени уруп кеткендер белге катуу тээп койгон окшойт, аларды өзүң тааныйсыңбы?

- Ал жөнүндө сурабай эле койчу, Теңдик, - ойлуу чылым түтөттү Дуулат, - чынында ошонун залалы тийди.

- Эмне үчүн сурабайм, сөз сенин тагдырың жөнүндө болуп жатса, аларды аяганың эмнең?

- Аяганым жок, алар өз жазасын алат, кудайга койдум. Башкысы, Гүлжамалдын мүрзөсүндө жатып калганымды Мээрим кечирсе болду, жүрөгү муздабаса болду, досум…

- Мээрим андай аялдардан эмес, акыл эстүү, терең ойлоп чечкен келин, буйруса жакында кадимкидей болуп басып кетесиң, мен ишенем, билип турсам, сен басасың!

- Ырахмат досум, ошондой күн келээр бекен?

- Келет, досум, келет, сен айыгасың!

***

Санаага батып отура берүүдөн тажады. Айылдагы мектепте тарыхтан сабак берет: "Апам карып баратат, келин жумшап небере көрсөм дегенде эки көзү тарт, кандай жанга туш болоор экемин, көзүнүн карегимдей сактап өстүргөн баласынын убайымын тартпай ырахатын көрсө болот эле", - деп көп ойлонду, Айылда көп эле кыз келин бар, кээси атайы тийишсе, кээси ага жете албаган бойдоктору да бар, Перизаттын кеткенине эки жылдан өттү.

Жумуштары боюнча борборго келген Кубат шаардын көчөсүндө ойлуу келе жаткан, аркы беттен эки уулун ээрчитип кетип жаткан Мээримди көзү чалды. Аттап-буттап жолдогу машиналардан өтүп барып жетип-жетпей:

- Мээрим! - деп үн салды эле ал токтой калып артына бурулуп карап, агылган элдин ичинен өзүнө тааныш караанды издегенсип туруп калды. Кубат жетип барып, - Мээрим, кандайсың, жакшысыңбы? - деди колун суна.

- Кубат, сен кайдан? - Мээрим колун берип ыңгайсыздана туруп калганда:

- Шаарга жумуштар менен келгем, тиги беттен сени көрүп эле… - деген Кубат да башка сөз таппай туруп калып, жанында турган койондой окшош эки уулуна карады, - Оо азаматтар, чоңойдуңарбы?

- Чоңойдум, - Актан жооп берди.

- Атың ким?

- Актан, а мунуку болсо Арслан.

- Жакшы, жакшы-ы, жүрү экөөңө морожный алып берейин.

- Кубат, койсоңчу убараланбай.

- Ошонун убарасы барбы, бул чоң жигиттерге алып бербесем болбойт, - Кубат болбой эле экөөнү ээрчитип арыраакта турган морозильниктен балмуздак алып берди.

- Кубат, балалуу болдуңбу? - Мээрим жылмая карап сурап калды.

- Жок, турмуштан жолум болбоду, аялым да, балам да жок!

Мээримдин жүрөгү "зырп" этип кетти:

- Кечирип кой, үйлөнгөнүңдү уккан элем…

- Ошондой Мээрим, мен жашоодо жалгыз калдым, ой-санаа - менин эрмегим.

- Апаң жакшы жүрөбү?

- Жакшы, жакшы эле жүрөт, карып калды, качан мен дагы башкалардай болуп небере көрөм, келинимдин колунан чай ичем деп жүрүп карып баратат.

- Аа-аа Кубат, биз кечигип калдык, баралы эми…

- Мээрим… - Кубат Мээримди көпкө карап тура берди: "Баягы сулуулугунан жазбаптыр, жашоосу ойдогудай экен, демек бактылуу… жок дегенде жанында бир аз турууга кантип болбосун" деген ойдо, - Мээрим, шашпай бир азга тура турсаң, жүрү бир жерден чай ичели?

- Кубат, убараланбачы, балдарды алып үйгө барбасам болбойт.

- Жүрү чогуу эле баса берели анда, мен да ошол тарапка барат элем, чай ичсек болмок.

- Жок, Кубат, үйдө күйөөм күтүп калды, балдарды сейилдетип эле чыккам, кечиктик.

- Макул-макул, кечикпей баргыла, - ошол бойдон жолду катар үн катпай кете беришти: "Жок дегенде үйүн көрүп алайын", - деп ойлоп койду Кубат. Чоң көчөлөр менен барып бурула бергенде дарбазасы чоң үйгө келишти. Мээрим токтой калды.

- Кубат, капа болбо, убактым тарыраак болбогондо… Жакшы бар! - деп дарбазадан кирип кетти. Кубат колун көтөрө кала берди.

Дарбаза тарс жабылгандан кийин артына бурулуп, арышын жайлата басып баратып: "Дагы бир жолу Мээримдин жамалын көрүп алайынчы", - деп дарбазага кандай жеткенин билбей калды. Темир эшиктин кичине тешигинен караган Кубаттын көздөрү чакчайып кетти. Дуулат коляскада отурган, Мээрим тамак алып келип колуна карматып, алдына салфетка төшөп өздөрү колясканын катарында турган столго балдары менен отуруп талдын көлөкөсүндө тамактана башташты,

Кубаттын көзү өзүнөн өзү жумулду, ошону менен бирге мөлт эткен жаш жүзү ылдый куюлуп, көпкө делдейе туруп, келген жолуна түштү: "Аттың, бири кем дүйнө ай, кандай гана эстүү элең, асылым, тагдырым сенден бөлүнгөндө мен баарынан кол жуупмун, өмүр бою инвалидди багып отуруп кыйналасың го?" - деп аргасы кете басаар басмак болуп кете берди…

Жумушу бүтсө да негедир айылга кеткиси келбеди. Эртең менен эрте туруп Мээримдин үйүн айланчыктап көпкө жүрдү, бир жан чыкпады, кирип барууга даабады. Акыры түшкө маал болуп калганда дарбаза ачылып Мээрим чыгып аны байкабай ылдамдай басып чоң жолду көздөй жөнөдү. Акмалап турган Кубат анын артынан жете келди:

- Кандай, Мээрим, - Жалт бурула берген Мээрим Кубатты көрүп күлүп жиберди.

- Сен кайдан, Кубат?

- Ушул тараптан эле… Өзүң кайда?

- Жумушка.

- Кай жерде иштеп жатасың?

- Ооруканада.

- Мм да.. Баса, Мээрим, бир аз убактыңды бөлө алсаң бир жерге барып отуралычы?

- Жок-жок, Кубат, эл көрсө, бирөө-жарым байкап калса эмне болот?

- Ким эле карап турмак, өзүң ойлосоң, канча жыл өттү, жок дегенде мен үчүн убактыңды бөлө албайсыңбы, а мен сени күн сайын, мүнөт сайын эстеп унуталбай жүргөнүмдү сезесиңби?

- Кубат, арадан өткөн жылдар экөөбүздү алыстатты го, мен азыр чоочун аялмын, сен үчүн таптакыр башка адаммын!

- А мен үчүн кечээ эле жолугушуп, кайра кездешкендей сезилип турат, мынабу жүрөк сени унута турган эмес.

- Кечирип кой, Кубат, оорулуу күйөөмдү карашым керек, балдарым да кароосуз калды, аларга кайра эртерээк келишим керек!

- Мен деген жүрөгүң сууп, эбак эле Дуулат деп согуп калганбы? - Кубат жактыра бербей сурады.

- Анан эмне, аял-эне болуу мени ого бетер жоопкерчиликке мажбурлап койгон, эгер ээрчип кетсем ошондо эле сени менен кете бермекмин да...

- Мээрим, бир эле жолу, бир аз убакытка макул дечи?

- Түшүнсөң боло, Кубат…

- Сен мени түшүнсөң болбойбу, мен деле адаммын го, болгондо да жаралуу арстандай күйүттөн өлгөнү жүрөм!

- Кубат!

- Жок, мен сени түшүнө албайм экем, мен сени чын жүрөгүмдөн сүйгөм, көрсө кыздар алдамчы болот тура, туш келген эркек менен тил табышып кете берет экен, а мен байкуш биздин сүйүү түбөлүктүү, ал мени эч качан унутпайт деп жүрбөйүмбү?!

- Кубат, мен сени унутуп калды деп ойлосоң анда жаңыласың, - токтой калып Кубатты карады, - Менин аргам жок эле да, эне болдум, агасыз жашап келатам, колду шилтеп басып кетүүгө намысым жол бербеди…

- Жок дегенде убактыңды бөлүп койбойсуңбу? Унутпаганың чын болсо жанымда жарым мүнөт турууну кааламаксың, сунушумду четке какмак эмессиң!

- Эмне кылышым керек, Кубат, ансыз да эзилип бүткөн жанымды жанчып жатасың!

- Мээрим, бир азга эле, бир жолу?! - Кубат Мээримдин алдын торой кылып көзүнө тике карап, - Макул деп койчу, мээрбаным менин, асылым, ардагым менин, бир азга эле…

- Болуптур… - Мээрим суз үн катты, - мени түшүнбөй калдың, Кубат, баягы эле көктүгүң кала элек экен.

- Көктүгүм менен ошол күнү, ошол саатта алып кетемин дегенде болбой койбодуңбу, болбосо башкача болмок… - Кубат ойлуу Мээримди колдон алды. Ээрчите паркты көздөй барып бир орундукка отурушту. Кубат Мээримдин ийине колун арта отуруп алган.

- Мээрим, мен сени абдан сагындым, көргүм келет, эңсейм ар качан, а сен бирөөнүн кучагында гана бактылуу болуп жыргап жатасың.

- Мага деле оңойго турбады сенден бөлүнүү, күндүр-түндүр ойлогон менен айла канча:? - Мээрим көздөрүн жашылданта шыбырай сүйлөдү, - Тагдырыбыз бөлүнүп калса аргабыз канча, баарына көнүшүбүз керек да, Кубат.

- Урдум ошол тагдырыңды, өзүң эле кылдың! Балким мени менен сүйлөшүп жүргөндө запастагы жигиттериң болсо керек, ошолордун бирөө ушул Дуулаттыр, мени жалдыратып туруп таштап кете бердиң.

- Ал эми өткөн да, Кубат, өткөнгө өкүнбөш керек, жараткандын жазмышына акаарат келтирбей, тобо калышыбыз парз.

- Кечирип койчу Мээрим, сени абдан сагындым, - Кубат Мээримдин колунан сылай бир колу менен өзүнө жүзүн бура, - Жок дегенде өөп койсом болобу? - деп жооп күтпөй эле аста өөп койду. Мээримдин намысы гана кармап жеңилдик кылууга жол бербей турган. Кубаттын кучагында баягы-баягы кыз кезиндегидей магдырай отуруп өкүнүчү, арманы, көкүрөктө бугуп жаткан ызасы жамгыр болуп төгүп, мөндүр болуп жаап, асман чарт-чурт эткен чагылгандай жаркылдап, жандүйнөсүндө сел жүрүп жатты, көпкө, көпкө-өө чейин бир бирине ыктаган бойдон отура беришти.

- Кубат, мен кетейин, уруксат берсең. Мени күтүп калышпасын, - акырын башын кубаттын көкүрөгүнө жөлөгөн бойдон шыбырады.

- Дагы бир аз отура турчу, шашпачы, - араң үн катты Кубат, - Мээрим, күйөөңө эмне болгон?

- Билбейм, эки жылдан ашты, баспай калганына.

- Жаман болгон экен.

- Ооба жаман болду, баарын өзүм бүтүрөм, уулум быйыл биринчи класска барат, айылга апама алып барып койсомбу деп турам. Кубат, качан үйлөнөсүң өзүң?

- Басканга ылаажы барбы, доктурлар эмне деп атышат?

- Так далил жок, басып кетиши мүмкүн дешет, бирок күмөн…

- Ай иттики, сага эле кыйын го? - ойлуу, - буйруган күнү үйлөнөм го.

- Кой, Кубат, минтип отура берсек убакыт өтө берет, түшкү тамагын беришим керек, сен эми үйлөн, апаңды ойло!

- Оорулууну карайм деп кыйналасың го?

- Эмне? - Мээрим шарт ордунан тура калды, - Анан эмне кылышым керек, Кубат? Уулдарымдын атасы, мени сүйбөсө да бир топ жылдан бери койнумда жаткан эрим, же ооруп калганда таштап кете беришим керекпи?

- Мээрим, сен мени түшүнбөй калдың, азыр сен жаңы гана отузга кирдиң, эркекти сагынасың го дейм?

- Антпечи, Кубат, бул сөзүң менен мага эмне дегиң келип турат?

- Эч нерсе, эгер ашыкча кетсем кечир, Мээрим, сени ашыкча сүйгөн экем, башканы сендей сүйө албадым, көнө албадым…

- А сен көнүшүң керек, Кубат, биз бир бирибизди башкача сүйгөнбүз, сүйүү качан гана жетпей калганда таза бойдон калат, биздин сүйүүбүз жүрөктө гана жашачу сүйүү, экөөбүз андан ары өтпөшүбүз керек!

- Түшүндүм, Мээрим, менин жүрөгүмдө татынакай сулуу кыз бойдон жүрөсүң, дале ошол бойдон каласың, - Кубат Мээримди колтуктай басып келатты.

- Менин дагы жүрөгүмдө ошол бойдонсуң, ошол эле менин Кубатым, ар бир мүнөт сайын жүрөгүм "Кубат" деп согот, бирок көңүлүмдүн баары үйбүлөмдө.

- Асылым менин, ушул бойдон дагы качан көрүшөбүз, ким билет? Кош бол, алтыным, кош!

- Кош, аман жүр! - Экөө эки жакты көздөй кылчак-кылчык артын карап жөнөп бара жатышты. Алардын жандүйнөсүндө бороон-чапкын жүрүп, көздөрүндө көнөктөгөн жаш, заматта аба ырайы да булардын ички армандарын коштой шамал жүрүп, жаан шатырата төгүп кирди.

***

Перизат менен Бакыт адегенде абдан ынтымактуу жашап жатышты, Перизаттын оозунан чыкканын аткарган Бакыт баягыдай башка кыз-келинди айланчыктабай, үйүнө көп байыр алчу болду. Бир жагы кызганса бир жагы өтө сүйдү, Чынында сүйүү эмне экенин ушу жашка чейин сезбеген экен. Көзүнүн агы менен тең айланат. Бирок эки жыл өтүп, үчүнчү жылга айланып баратса да боюна болбоду. Бакыт бир күнү ага минтти:

- Перизат, доктурга көрүнүп көрбөйсүңбү, мына үч жол болуп баратат, балалуу болом деген үмүтүмдү качан актайсың? Мен сыяктуулардын балдары бешинчи, алтынчы класска окуп калды.

- Эмне, мен али жашмын да, убагы келгенде төрөйм да. Эркектер ушундайсыңар, шашпасаң болот да…

- Качан, мен карыгандабы? Мени түшүн да, ар күнү, ар убакытта күткөнүм сенден жакшы сөз, "менин боюмда бар" деген жаңылык.

- Докторго экөөбүз тең көрүнүшүбүз керек, жалгыз барбайм.

- Эмнеге экөөбүз, сен өзүң эле көрүнүп келбейсиңби?

- Жок, жалгыз менден эмес, балким сенден болуп жаткандыр, ошон үчүн бирге барабыз!

- Менден эмнеге болмок эле? Эркекмин, болушу мүмкүн эмес!

- Болот!

- Перизат! - Бакыттын ачуусу келип кетти, - Сен өзүңдү текшерип көр, анан доктор айтса мен да барам.

- Болуптур, - Перизат акыры макул болду, - Эртең мен көрүнүп келейин.

- Ошентсең, жаным, балалуу кылсаң баарын сага берем. Мени баланын үнүнө бөлөп койчу, жалаягын өзүм жууп, өзүм эле багам, - Бакыт Перизатты эркелетип койду. Экөө чогуу ошол күнү концертке барышты, үйгө келгенден кийин телевизор көрүп таттуу кыялдарга батып жатып укта кетишти.

Эртеси Перизат аялдардын доктуруна барып жүрөк өйүткөн ички сырын айтып отурду:

- Эже, үч жылдан ашып баратат, боюма болбойт, мен деги төрөй аламбы?

- Суу тийгениң жок беле?

- Жок, суук тийгенин билбейт экемин, дегиңкиси ооруп көргөн эмесмин.

- Анда эртең анализиңди тапшырып кой, ооруң барбы жокпу көрөбүз, андан кийин текшерип көрөлү.

- Макул, эже. - Перизат үйүнө ойлуу келди: "Балким мен чын эле төрөбөстүрмүн, анда эмне, Бакыттан дагы ажырашамбы? Жок-жок, менден эмес болуш керек, Бакыттын өзүндө күнөө бардыр…", - деп оюнда өзүнө эчтеке жолотподу. Ушуга чейин бир да жолу бала жөнүндө ойлобогон, бүгүн гана күйөөсүнүн айтканынан кийин ойлоду. Кечинде Бакыт дагы сурады:

- Перизат, доктурга бардыңбы?

- Ооба.

- Эмне деди?

- Анализиңди тапшыр дейт. Эртең тапшырып, бүрсүгүнү аныгын билип келем.

- Аа-аа, жакшы, эгер доктуруң жакшы биле албаса көзү ачыктарга, мечитке, мазарга барабыз. Илгеркиден укканымча мазарга барса сөзсүз балалуу болушчу экен.

- Кызык, жанагы көзү ачыктарга элдер "ишенбегиле, алар алдамчы" дешет го?

- Кой Перизат, антип кудайга күнөөкөр болбой, ишенип, дитиңди коюп барсаң, алар деле кудайдын ишараты менен киши көрүп атышпайбы.

- Макул-макул эми. Эки-үч күн доктурдун айтканын угуп көрөлү, анан көрөбүз, молдогобу же көзү ачыктарга бараарбыз.



Перизат өзүнчө ойлонуп калды: "Эмнеге эле бала-бала деп башымды оорутат, эркектер жеткиче эле жанын жанга уруп жалынып жалбарышат , жетип алгандан кийин ушинтишет. Мен эмне карып калдым беле? Бала кайда качмак эле, акыры төрөмөкмүн, балалуу болгондо сулуулугум да жоголуп, жүдөп-какайм да", - деп ичинен ойлогондо Бакытты жек көрүп кетчү болду. Оюнда сыланып-сыйпанып ойлон-күлүп жүрө бергиси келет..

Үчүнчү күнү гинеколог Перизатка анализдерин көргөндөн кийин минтти:

- Сиз мени кечирип коюңуз, сиз балалуу боло албайсыз.

- Эмне үчүн?

- Жаш кезиңизде суук тийгенби, төрөгөнгө болбойт.

- Рахмат сизге! - Перизат ордунан туруп баратып айтканда врач таң калды:

- Сиз эмнеге кайра мага рахмат айтып жатасыз?

- Эмне дешим керек эле, сизди урушуп же тилдейинби? Кыскасы, мен үчүн баары бир! - Перизат артын карабай туруп жооп берип чыгып кетти. Врач кыз таң калган бойдон ийнин куушура кала берди. Перизаттын жакшы жаңылык менен келээрин күтүп отурган Бакыт ал келээри менен утурлады:

- Кана айтчы, бүгүн эмне деди, деги балалуу болобузбу?

- Жок!

- Эмне?!

- Эмнени уксаң ошо. Демек мен сени балалуу кылалбайт экемин! - Перизат тастаңдай жооп берди.

- Врач ошенттиби?

- Ооба, ошентип айтты. Эми мени кыйнабай каалаганыңды жаса, ажыраша турган болсоң азыр эле кете берейин, кармала турган эч нерсем жок!

- Ал эмнең, кудайдан үмүт кылып, молдо-кожого, мазарларга барып көрөлү?

- Жок, мен көзү ачыктарга да, молдо-кожоңо да барбайм!

- Койчу, Перизат, сен али жапжашсың, төрөйсүң. Врачың бок жептир! - Бакыт аялынын кетем дегенинен улам ичтен кызганып алды: "Дароо эле кетем дегенине караганда мунун бир сыры бар. Мүмкүн дагы бирөөнү таап алгандыр?" - Экөөбүз эртең бир молдого барабыз, менин айтканыма каршы болбочу.

- Барбайм дедим барбайм! Жолуңду, колуңду кармабайм, сен балалуу болушуң керек!

- Перизат, деги бир угасыңбы, же бирөөнү таап алып "төрөбөйм!" деген шылтоо менен кетип калгың барбы?

- Жок, эч кимди тапканым да жок, болгону сага гана тоскоол болбоюн деп жатам, - Перизат эч санаасы жок эле кетип калууну ойлонуп турду. Ушул учурда Перизаттын апасы Сагын эне келип калды. Перизат апасын кучактап алып ыйлап ийди.

- Кызым, сага эмне болду?

- Апа, мен бала төрөй албайт экемин!

- Ок, ким айтты аны?

- Доктурга текшерилип көрдүм.

- Таш оозуңа, былжыраптыр. Мени тартсаң керек, кызым, мен жыйырма бештен ашканда төрөгөм.

Эне-баланы карап туруп калган Бакыт сылык гана:

- Келиңиз апа, жайыраак отуруп чай-пай ичкенден кийин деле айтсаң болот эле го? - деп Перизатты карады.

- Кандай, айланайын, тынч аман жатасыңарбы? - деп күйөө баласы менен амандашкандан кийин төргө өтүп отурду. Эне да, сыртынан күйөө баласына билгизбегени менен, ичинен: "Капырай, үч жылдан ашып баратат, же Кубат менен жашап жүргөндө, же бул күйөөсүнөн боюна болбой жүрөт.. Азыркы жаштар жыл айланбай эле балалуу болуп калышат экен", - деген ойдо санааркай түштү. Бакыт кайын энесин коноктогону базарга чыгып кеткенде эне-бала өздөрүнчө калды:

- Апа, мен кичинекейимде суук тийип оорудум беле?

- Ким айтты?

- Врач айтты, катуу суук тийип, жатыныңда уруктардын баары куурап калган деди.

- Капырай, суук тийгенин деле билбейм, үч жашарыңда заараң токтобой кыргызча майлап, молдого деп салдырып жүрүп калтырган элем, ошондон эле болбосо…

- Кыскасы, Бакыт мени качан төрөйсүң деп доктурга жиберген болчу. Жыйынтыгы ушундай болду, эми эмне кылабыз? Акырын эле ажырашып алайынбы?

- Эмне дейт, ботом? Кайра-кайра эле күйөөдөн чыгып-тийе берсең эл эмне дейт да, жеңелериң эмне дейт?

- Эмне десе ошо десин, анан балалуу болгум келет, качан балалуу болобуз дедирип жүрө беремби?

- Кудай билет, балам. Төрөйсүң эле, доктурлар эмнени билмек эле, кудайдан да кыйын болуп кетиптирби?

- Мага баары бир, эми күйөөгө да тийбейм, кетем бул жерден, ажырашам! - дегенде Бакыт кирип келди, эки колуна эки целлофанга майда-барат көтөрүп. Перизат ыйлап жаткан.

- Эсиңе келчи, кызым. Үмүтүңдү үзбө, төрөйсүң, - деди эне кызын сооротуп.

- Перизат, оокатыңды жаса, апам келип калыптыр, коноктойлу.

- Азыр… - Перизат көзүнүн жашын аарчый ордунан турду.

Үчөө тең унчукпай калышты. Сагын эне көпкө чейин ойлонуп отура берди: "күйөөгө тийгенине төрт жылдай болду, чын эле боюна болбой жүрөт. Доктур билгенин айткандыр, кой, муну молдого алып барып, мазарга түнөтүп, бир аргасын кылайын, болбосо дагы күйөөдөн чыгып алса, элдин көзүн карай албай калабыз го?" - деп эки көзү күйөө баласы менен кызынын кабак-кашында болуп жатты.

Ошонун эртеси эле Сагын эне кызын ээрчитип айылга жөнөдү. Ал айылда көптөн бери элдин оозуна алынган молдо бар эле. Сагын эне үйүнө келген эле күнү алып барып, ыймандай сырын айтып турду:

- Молдоке, ушул кызым күйөөгө тийгенден бери боюна болбой жүрөт, жакшылап дем салып көрүп бериңиз.

- Ээ парваддигар, я алла, я алла, кана отур кызым, - молдо мандаш токуна отуруп алып Перизаттын тамырын кармады, - кана, өзүңдү эркин коюп отур! - деп көпкө чейин эки колунун тамырын алмак-салмак кармап көрүп, башын чайкап койду.

- Молдоке, бир ылаажысы болобу, кызым эне болобу? - Сагын эне молдонун баш чайкаганынан улам кооптоно сурады.

- Сагын, мен силерди алдасам кудайды алдаган болуп калам, кызыңдын тарай турган жолдору буулган. Мазарга түнөтүп көр. Менден эмес, кудайдан, күйөөсү экөөнү тең алып барып, мал союп, түлөө өткөргүлө, жашында суук тийгенден өтүшүп кеткен экен.

- Апа, врачтын айтканы менен туура келип жатат, эмне кереги бар убара болуп, мазарыңа барбайм! - Перизат ордунан туруп, кетүүгө камынды.

- Ок, ал эмнеси экен? Кудайдан себеп болсо адамдын колунан эмне келмек, кудайым берем десе да, алам десе да өзүнүн иши. Отур, эмне эле сереңдейсиң? Тилек кылсаң боло, жаштын тилегин берет деген улуулардын сөзү бар, кудайга жалын, тиле, - Эне кызын урушуп койо берди.

- Кой, Сагын, жаш эмеспи, түшүнөт да акыры. Азыр бала эле бойдон тура, жүрүп-жүрүп башына келгенде өзү эле тилек кылат. Андан көрө өзүң аракет кыл, тездетип мазарга алып бар.

- Макул, молдоке, бир баралы, - Эне кызын ээрчитип үйүнө жөнөдү. Келгенден кийин да урушуп атты, - Сен эмне эле сереңдейсиң, же бала болбосоң? Сендей келиндер эки балалуу болуп калышты. Эрге тийгенден кийин балалуу болсоң бактың болбосо шоруң. Баласыз үй мазар деп бекер айтылыппы? Кубаттан да өзүңдүн жеңилдигиңден чыгып алдың. Эми ушул күйөөң менен тынч жашап, бактылуу болуп кетсең менин да көөнүм тынып калат эле го?

- Эмне кыл дейсиң, апа? Кубатка, Бакытка окшогон күйөөлөрдү эмеле таап алам!

- Акылы жогум десе, жашыңда табасың, ойноп-күлүп убакытты өткөрөсүң. Жашың өткөндөн кийин кимге керексиң? Балаң болсо, баланын төрүндө отуруп сый-урматка бөлөнөсүң.

- Пешенеге жазганын көрөм да, апаке, мен үчүн кыйналбай эле койчу. Баары бир мазарыңа барбайм! - Перизат кийимин кийинип алды да, энесинин сөзүн укпай кетип калды. Эне кызынын кыял-жоругуна зээни кейип жүрөгү ооруп, алтымыш тамыры сыздаган бойдон кала берди.

Перизат үйүнө келип, Бакыт жокто болгон буюмун алды да чыгып кетти. Кайда бараарын билбеди, акыры "Кыялдын" алдындагы көзү ачыктардын жанына барып ар кимисин алдыртан көз салып жүрүп бирөөнүн жанына отурду.

- Эже, мага төлгө салып бериңизчи?

- Кел, кел кызым, төлгө салып берейин, кана атыңды айта гой.

- Перизат.

- Апаңдын аты?

- А эмнеге апамдын, а атамдын аты эмес?

- Кыз баланы апасынын аты менен көрөбүз, кызым.

- Мм да..

- Кызым, эки уулуң бар экен, күйөөң көзүңдү карап турат, абдан бактылуу экенсиң, сени кыйнаган бир гана ой, күйөөңдүн кетип калышынан коркот турбайсыңбы, - төлгөчү таш төлгөсүн тартып алып сүйлөп атты, - Эгер макул болсоң мен күйөөңдү эч жакка кетирбей турган кылып берем.

- Эже, эже…

- Эчтеке эмес, аялдар күйөөсүн дайыма башка аялдардан кызганат.

- Эже, менин…

Төлгөчү сөз айттырбай эле сүйлөй берди:

- Айттымбы, арзан эле жасап берем, болгондо да күйөөң сенден башканы карабай турган кылам, - төлгөчүнүн сүйлөтпөй өзүнүн билгенин айта бергенине жини келген Перизат столдун үстүнө жыйырма сом таштады да, туруп кетти: "Жинди", - деп алды ал: "Эмнеге болбогон калпты эле айта беришет? Эки балаң бар дегенин кара, эки эмес бирди эле төрөсөм Бакытты сүйлөгүс кылып төбөсүнө чыгып алмакмын", - деп ойлонуп кетип баратканда аны бир цыган аял токтотуп калды:

- Дочка, почему Вы так грустны? - Перизат аны токтой бир азга карап туруп, үндөбөй анын жанына отурду:

- Төлгө саласызбы?

- Да, да, карта менен көрөм, - деп шашылган цыган аял картасын ары-бери аралаштырып, сала баштады, - кызым, сен аябай капа болуп алыпсың, сен күткөн бала азыр болбойт, бир топ жылдардан кийин сенин боюңа рухтан бала пайда болот. Ал эми күйөөңдөн ажырашам деп ойлобо, ал сени сүйөт, кетирбейт, үйүңө баргын, ажырашпайсыңар! - деп картасын чогултуп алды. Перизат ага дагы жыйырма сом таштады да, кетип калды. Ойлонуп, ары-бери басып жүрүп, кайра Бакыт келгенче үйгө барды да, эч нерсе билбегендей тамагын жасап күтүп отуруп: "Тобо-о, цыгандар билет деген чын экен, рух дегени эмнеси болду экен? Кой, апамдын тилин алып, Бакытты ээрчитип мазарларга, мечитке барып экөөбүз тең сыйыналы. Бакыт сөзсүз мени сүйөт, каршы болбойт", - деген чечимге келди.

Кечинде Бакыт кызуу келди. Үйүнүн ачык экенин көрүп кубанып кетти: "Менин периштем келген тура, мен ансыз жашай албайт экемин, эми жанымдан карыш жылдырбайм, төрөбөсө бала багып алып жашай берем", - деп үйдүн босогосун кыңылдай аттады.

- Охо-оо, менин периштем келип калган го! Жаным десе, сен жок эки күндө жинди болуп кете жаздабадымбы, - деп аялынын артынан кучактап калды.

- Бакыт, кел чечинип отур, тамак даяр, - Перизат аны бурула берип бетинен өөп коюп, ашканага кирип тамагын алып келип дасторконго отурушту.

- Кандай барып келдиң?

- Жакшы, экөөбүз тең барып мазарга түнөмөй болдук, сен макулсуңбу?

- Жаным менен макулмун, сен өл десең өлөм!

- Койсоңчу, Бакыт, чын айтып атам, экөөбүз тең сыйынышыбыз керек.

- Качан барабыз?

- Эртең эле жөнөйлү, мазарды тайып, мал союп түнөшүбүз керек, ошондо бизге өзү ишарат берет экен, балалуу болобуз, же..

- Эч коркпо, алтыным, төрөсөң да, төрөбөсөң да сени эч жакка кетирбейм!

- Эмнеге, эгер бала болбосо жашообуз супсак болуп калат. Андан көрө ажырашканга туура келет.

- Жок-жок, мен сенден ажырай албайм!

- Көрөбүз, - деген Перизат цыган аялдын айтканын кулагынан кетирбей жаңырып кеткенсиди: "Бир топ жылдан кийин рухтан боюңа бүтөт, күйөөң сени сүйөт, ажырашпайсыңар!"

- Эмнеге ойлонуп калдың, Перизат? Ойлонбочу, берекем, такыр болбосо бала багып алабыз.

- Койчу кайдагыны айтпай, баланы багып эмне кылабыз, кудайдан тилейличи.

- Койдум-койдум, - Экөө андан кийин башка сөзгө өтүп, Бакыт өз жумушундагыларды айтып отурду. Ал азыр контролердон жогорулап, базар башчысынын оң колу болуп калган. Чоң килейген базар азыр анын колунда, эсеп-кысабын бүт өзү жүргүзөт. Жакында машина алмак. Келээрки жумада автобазарга экөө чыгып, машина тандамай болушту.

- Перизат, машинанын өзү кандай болушун каалайсың, сага үйрөтүп койом, кээде өзүң айдап айылга барып турасың, макулбу?

- Машинанын өңүнүн аппак болушун жактырам, а сен кандай маркасын аласың?

- Билбейм, сен эле айтчы, фольксвагенби же аудиби? Же тойота алалыбы?

- Фольксваген алалы.

- Макул, мен да ошону ойлоп жүргөм.

Ошол күнү алар келээрки жумадагы ала турган машина жөнүндө ойлонуп алып, эртеси айылга жөнөштү. Келген күнү кубанган эне аларды тоок союп коноктоп, эртеси мазарга алып бара турган болду. Мазарга айылдагы айтылуу көзү ачык кемпирди кошо ээрчитип алып арнаган эчкини сойду да, кечке бүбү кемпир агуруп атты. Көптөн кийин Сагынга минтти:

- Бу кызың азырынча бала көрбөйт, көп жылдан кийин алланын буйругу менен жышааналуу бала төрөйт, эгер жээрибей жакшы караса бала абдан кыйын бала болот, ошону гана күтүш керек, - деди.

- Ботом, жышааналуу дегениң кандай, деги алты саны аман балабы?

- Ой жарыктык, жакшынакай эле болот, бирок бир белгиси сөзсүз болот, кызың саал жеңилирээк экен, күйөөсүнөн кетем дебесин.

- Макул, байбиче, мен аны айтам. Кыскасы, азырынча боюна болбойт экен да?

- Ооба, азыр бекер эле убара болуп жатасыңар. Убактысы келгенде өзү эле төрөйт, болгону бирди, көзүнүн карегиндей сактап чоңойтсо ал бала оңой бала болбойт.

- Айтканың келсин, байбиче, жаш эмеспи, күтүшөт да.

Мазарга түнөгөн күнү Перизат шумдуктуудай түш көрдү. Түшүндө бир тоолорду жылаңайлак аралап жүрүптүр, ээн талаага кандай туш келгенин билбей калды. Жалгыз кетип баратып бир түп жаңгактын түбүнө токтоду, башын көтөрүп өйдө карады, башында жалгыз жаңгак өскөнүн көрдү. Жаңгактын бутагына чыгып алайын десе жетпейт, абдан кыйналды. Көптөн кийин жаңгактын мөмөсүн алалбай кетейин дегенде топ этип жаңгак этегине түшүп калды. Кубанып кетип бир тоголок жаңгакты колуна алып караса бир башкача нур чыгат. Колуна тегерете карап атып бир жагында узунунан ачыгын көрөт. Чирип калган тура деп ыргытайын дегенде үн чыгат: "Кой, кызым, жаңгакты ыргытпай катып ал, ал сага жакшылык алып келет, катып ал, катып ал, катып ал!", - деп айтып, угулбай калды. Ошол кезде чоочуп ойгонгон Перизат өпкөсү көөп, демигип, кара терге түшүп тердеп жаткан экен. Таң да атып калыптыр, бүбү кемпир менен апасы эбак эле туруп алып бети колун булакка жууп жүрүшкөн экен. Бакытты ойготуп жуунуп алып чогуу куран окуп анан жолго чыгышты. Бакыт ошондон тартып "бала" дегенди унуттубу же айткысы келбедиби, а балким сүйүүнүн касиетидир, Перизаттын көңүлүнө карап күнүмдүк жашоо, көңүл ачуу, дос-теңтуштары менен тоо-ташка чыгып бактылуу жашоолору улана берди. Негедир Перизат баягыдай чыртылдабай токтолуп калгансыды: Бакыт күндөгүдөй эле жумушуна кеткен. Перизат үйдө телевизор көрүп отурган, шашып бушуп эле кирип келген күйөөсүн көргөндө ордунан шашыла турду:

- Эмне болду, мынча шашып?

- Перизат, жүрү тез, бол! - деген Бакыт Перизатты демиктирип эшикке чыкты, эшикке чыгышса машина күтүп туруптур.

- Кайда, түшүндүрүп айтсаң боло? - Перизат абдан таң кала Бакытты карады.

- Азыр түшүнөсүң, - деди да шоферго буйруду, - айда тез!

Машина зуулдап отуруп тез эле экинчи роддомго жете келди. Булар түшүп кирип баратканда Бакыт Перизатты карады:

- Азыр сен апа болосуң, ушундай сулуу бала экен дейсиң, тим эле сага окшош.

- Эмне-е, - деген Перизат башка сөз айтканга үлгүрбөй калды.

Аңгыча төрөткананын бир бөлмөсүнө киришкенде ак жуумалынан келген толук аял аларды тосуп алды.

- Эже, мен берген боюнча документтерин даярдап койдуңузбу?

- Ооба, баары даяр! - деп жаңы гана төрөлгөн көзүн ача элек наристени көтөрүп келип колуна карматты.

Перизат лам дебеди: "Качан сүйлөшүп койду экен, демек баары даярдалган тура", - деп ойлоп үндөбөй баланы колуна көтөрүп сыртты көздөй кадам таштады: "Кызык, муну эми кантип багам, дароо эле сүт берсе болоор бекен, эмчексиз баккан бала кантип чоңойот, оорутуп албас бекемин?" - деп ар өзүнчө эзилип алды: "Чын эле абдан татынакай бала боло турган экен, атын ким деп жаздырды, мага айтпай качантан бери сүйлөшүп жүрдү экен, бул доктур менен?" - деп ойлору чачкын болуп атып үйлөрүнө келишти. Бакыт шашып бушуп алдыга түшүп Перизатты босогого токтотуп коюп үйгө кирип бир чыныга суу алып чыгып ымыркайдын башына тегеретип анан Перизатка:

- Түкүр! - деди. Ал түкүрүп бүткөндөн кийин сууну чачып жиберип үйгө киргизди. Наристе эч нерседен капасыз таттуу уйкунун кучагында, эмеле энеси тойгузуп койгондой бейкапар мемирейт. Перизат ымыркайды көпкө карап турду. Эмитен эле кашы капкара болуп, мурду коңкоюп кирпиги узун, өзү апаппак экен: "То-оба, мен төрөй албай атсам ушундай татынакай баласын кандай аял таштап кете берди экен?" - деген ойдо көзүн албайт. Экөө тең улам бышылдап уктап жаткан наристени карап жанынан чыкпай үйрүлүп атышты.

- Бакыт, - деди Перизат көптөн кийин, - бул баланы кантип билип калдың же мурунтан сүйлөшүп койдуң беле?

- Жо-оок, капысынан эле болду, бир жолдош балам айтып калды. Бул кыз ата-энесинен бекинип жүргөн кыз экен, баласын төрөт үйүнө таштайм дегенин угуп калып мага айтты эле, дароо мен бардым да справкасын сенин атыңа жаздырып туруп сураган акчасын бере салдым да сага келдим, болгону ошол, эркек бала экен, кыйбадым…

- Туура кылыпсың, анан кийин чоңойгондо талашып сени да мени да баланы да кыйнабас бекен?

- Жо-ок, андай болбойт, колунан тил кат алышты, ал мына менде, бул далилди бекит, андай боло турган болсо сөзсүз сотко беребиз.

- Ма-акул эми, уулдуу болушуң менен! - Перизат жаркылдай күлүп Бакытты бетинен өөп койду, - Бу жигит ойгонбойт го, ата-энеси менен таанышып алса болбойт беле? - эңкейе баланын ууз жыттанган ууртунан жыттап койду, - карачы Бакыт, жыты сонун тура!

- Сенин дагы эне болушуңду куттуктайм! - деп Бакыт да аялын эки бетинен өөп, экөө кубанычтары койнуна сыйбай турганда наристе чукуранып жаңыдан ачыла баштаган көздөрүн бейкапар гана жүлжүйтө ооздорун чормойто эмчек издей баштады.

- Оой Бакыт, уулуңду кара, курсагы ачса керек, - Перизат чоочуп алды, - Баса, балага эмне беребиз, баятан бери ойлобогонубузду кара, бол сүт алып келе кал!

- Мына азыр эле алып келем! - Бакыт жүгүрүп сыртка чыгып магазинге кире калды да шашкалактай, - жаш балдарга бере турган сүт барбы? - деп сурады.

- Бар, жүз элүү сом! - Бериде турган текчеден алып бере койду.

- Келе, - шашкалактаган Бакыт: "Ырас эле баятан бери баланын тамагын даярдабай отура бергенибизди кара", - деп ойлоп жолдун аркы бетинен машиналар токтогуча өтүп келип үйгө кирди, - Мына, эми муну кантип беребиз?

- Баса, мен эптеп карап турам, аптекага барып упчу менен сүт берчү идишин алып келе кал.

Бакыт кайрадан жүгүрүп аптекага жөнөдү. Жетип эле:

- Чоң кыз, жаңы төрөлгөн балага сүт берчү идиш менен упчу, соска бериңизчи, - деди.

- Мына, - деген аптекар кыз алып бере койду, - бул отуз беш, мунусу беш, соскасы жыйырма беш сом.

- Мына ала кой, - деди да жөнөдү. Ошентип кичинекей наристенин камын көргөн ата-эне көзүнүн карегиндей карап бала багып калышты. Адегенде Перизат колуна кармап жалаяк которгондо жүдөп, киринте албай абдан кыйналып кетти. Түнкүсүн уйкудан калып сүт берет. Бир жумадай Бакыт үйдөн чыкпай каралашып жүрдү, андан кийин өзү көнө түштү. Атын койоордо үйүнө конок чакырып, атайы мечиттен молдо алдырып Уланбек деп ат коюшту. Сагын эне абдан кубанды:

- Айланайын, ак жолтой болсун, артынан уул-кыз ээрчитип келген ырыстуу уул болсун! - деп бата берди,

- Уланбектин артынан уланып кө-өп бала чакалуу болгула! - дешип жабыла бата беришти келгендер дагы чын ниеттеринен. Уулуна үйрүлүп түшкөн Бакыт менен Перизат чындап эле өздөрүн балалуу болгондой сезип бактылуу болуп отурушту. Улан күндөн күнгө болтоюп сүйкүмдүү болуп чоңойо баштады. Улам күн өткөн сайын колу-башы сереңдеп, эки жакты караган сайын экөө тең эзиле бир биринен талашып колдорунан түшүрүшпөйт. Кичине көбүрөөк ыйлап калса үрпөңдөшүп коркуп кетишет. Перизат жалаяк жууса Бакыт буламык бышырып, уулу уктап жатканда даярдап турушат. Атайын манеж сатып келди бир күнү Бакыт. Оюнчукту болсо чоңойсо ойнойт деп улам алып келип, шылдырак менен ойнотконго шашылышат, Сагын эне дагы бала торолгуча кетпей калып калды. Баланы киринткенге жардам берип, Перизат эшикке чыкса жанында отурат, бала эрмек го, тарбалаңдап бара-бара үн салып көзү менен караандарын ээрчиген сайын жетине албай:

- Перизат, карасаң сени ээрчип атат, таанып калган го? - деп Бакыт айтса:

- Чын эле, тааный баштаган окшойт, ээрчий карап атат, - дешип экөө эки жагынан чыгып эрмектери ошо, Бакыт болсо шымдар менен, байпак, топу, койчу көзүнө көрүнгөн жаш балдардын кийимин алып келе берчү болду. Аттиң бирөөнө кор, бирөөнө зар деген ушу тура.

***

Мээрим балдары менен күйөөсүн карап кайра жумушуна барып келип, үй түйшүгү менен абдан кыйналды. Ошол күнү Дуулат үйдө жалгыз жамбашы талып кеткенинен төркү үйгө калыңдап төшөк салып жатып алып шыпты тиктей: "Жараткан, мынчалык неге азаптанттың, кайсы күнөөм үчүн, Гүлжамалды сүйгөнүм үчүнбү? Ал байкуш го тагдырынын оорчулугун көтөрө албай өз жанын өзү кыйды. Ушинтип бирөөгө көз каранды болуп жаткандан көрө мен да өлүп калсам эмне, неге мени кыйнадың?" - деп жатып көзү илинип кеткенин билбей калды. Бир кезде анын маңдайында Гүлжамалдын элеси пайда болуп, жанына отуруп алып бутун сылап жатты: "Дуулат кыйнала бербечи, сен сакаясың, сөзсүз сакаясың, эми сага күндө өзүм массаж жасайм", - деп көпкө чейин сылап-сыйпап отурду. Негедир анын колдору тийгенде жаны жыргай түшүп: "Гүлжамал, дагы кармачы, буттарымдын сайгылашып ооруганы басылгансып баратат". "Эч кайгырба, сакайып кетесиң, тигилер өз жазасын алышат, күнөөсүздөрдү кордогондор алланын буйругу менен күнөөлөнүп, тозок отуна күйөт", - деп барып көрүнбөй калды. Ойгонуп кеткен Дуулат көпкө чейин жата берди: "Кайдан сакаймак элем, күчтүү уколдорду алдым, баарын жасадым", - деп улутунуп алды. Ошентип уйку-соонун ортосунда жатып дагы Гүлжамалды көрдү, ал кадимкисиндей жылмайып: "Дуулат, сен өлүп тирилгенсиң, акырындап өзүңө келесиң", - деп кайра көрүнбөй калды. Кандайдыр бир күч аны оодарып ийгендей өзүнөн өзү бир жагына которулганын сезбей калып, кайра бүткөн боюн карап төшөгүн ачып буттарын карайт, бутунун манжалары кыймылга келе түшөт: "Оо кудай, мен басат экемин! Гүлжамал, мени кечир, сени өлүмдөн алып калбасам да жардамга келип жатасың", - деп ойлоп, Мээримдин келишин күтүп кубанычтан жүрөгү дүкүлдөй көздөрүнө жаш тегеренип: "Оо жараткан, өзүң колдой көр", - деди да оор улутунуп жатып калды.

Кечке маал Мээрим эки баласы болуп чурулдаша кирип келди:

- Дуулат, жалгыз жатып зериккен жоксуңбу, балдар дагы үйгө кирбей эшикте жүрүшүптүр, карды ачканына карашпайт экен да булар, - деп балдарды чала-була какыс-кукус кыла күлүмсүрөп койду.

- Жок, зерикпедим, зериккенде кандай арга кылмак элем, өзүм ордумдан жыла албасам.. Бала экен да, оюнга кызыгып жүрө беришет.

- Оой, Дуулат, сен эмне өзүң эле оодарылып алдыңбы? - Мээрим Дуулаттын оң жагына которулуп жатканын көрө кубанып кетти.

- Ошондой, мен өзүм да билбей калдым, - Дуулат Гүлжамал түшүнө киргенин айткандан чоочуду, - Түшүмдө аппак кийимчен бирөө: "Сен басасың, сакайып кетесиң", - деп жатыптыр.

- Оозуңа май, ошондой эле болсо экен, балдарымдын, менин багыма аман-эсен айыгып кетсең болду, - деп Мээрим чын дилинен кубана күйөөсүнүн жанына келип эки бетинен өптү, - жылуу жат, мен тамак жасай койойун, - деп Актан менен Арсланды чакырды, - келгиле, атаңардын жанына келип ойногула!

Дуулат ушул азыр аялынын жүзүнөн, анын адамдык касиетинен уялып турду: "Неге ушундай асыл жарым турса өлгөн сүйүүмдүн артынан мүрзөгө бардым? Бул дагы менин жазам болуш керек, алтындай болгон асыл жарым мен деп турса, чырактай уулдарым минтип ойноп жүрсө ушуга топук кылган эмес экенмин, мага чала. Оо жараткан, өзүң кечире көр, ушул жаркылдаган келинчегиме денсоолук, өмүр бер, балдарым аман-эсен болсун", - деп ичинен ойлонуп дагы бутуна жан киргендей болуп өзүнөн өзү кыймылга келип кеткенде ордунан обдула берди эле, эки буту саал бүгүлө түштү. Дуулаттын бүткөн боюн кара тер басып жүрөгү дүкүлдөй баштады, эрксизден: "Сен өлүп тирилгенсиң, сакаясың, басасың жакында", - деген Гүлжамалдын үнү кулагына угулгандай болуп кетти.

Мээрим тамагын алып келип чыныдагы тамакты сунуп:

- Дуулат, өйдө кылып отургузайынбы? - деди.

- Бир аз жөлөнүп отурайын, өйдө кылчы.

Ар күнү Гүлжамалдын элеси келип буттарын сылагылап отуруп, анан көздөн кайым болот. Акырындык менен өзүнө келе баштаган Дуулат баса албаса дагы өйдө отуруп калды. Күн өткөн сайын кыймылга келип, өзү жатып кайра отура баштаганда Мээрим абдан кубанып, кечкисин бутуна май сыйпап, көпкө чейин ушалап массаж жасап отурат, аркы-беркини сүйлөшөт. Убакытты өтүшү менен Дуулат акырындап туруп баса баштады. Эки үч ай өткөндө кадимкисиндей болуп калды. Үйбүлөнүн кубанычында чек жок, кесиптештери, иштешкендери куттуктап келип, үйүнө күндө конок күтүп, ага-тууган, карындаштары чогулуп кудайы өткөрүшүп куран окушту. Бактылуу үйбүлөнүн бул жашоосуна көз артып табалагандардын тилеги таш капты, Дуулаттын жүрөгүндө Надырбекке кек турганы менен, түшүндөгү Гүлжамалдын: "Кек сактаба, аларды алаа талаа жазалайт", - дегенин эстеп жым болот. Мээрим кайрадан үйдө балдары менен өз жумушун кылып убара, Дуулат жумушунда. Машинасын да издебеди, Мээримдин ишти ойдогудай жүргүзгөнү, эсеп-кысапты жакшылап тактык менен иштегенинен кассасында бир топ акча чогулган эле. Ашыкча жумшабай, дары-дармек менен балдардын кийимине, тамак ашка жумшачу. Дароо эле машина алууга макулдашты:

- Дуулат, жаңы эле сакайдың, басып жүрүүдөн кыйналасың, оокатыбыз кудайга шүгүр, машина алып ал, - деди бир күнү Мээрим.

- Ма-акул жаным, сен айткандай эле болсун, эртең экөөбүз барып машина карап келели.

- Туура, сөзсүз ошентишибиз керек. - Мээрим күйөөсүн жалжылдай карап төшүнө башын жөлөп эркелеп койду, - деги сен эле денсоолугуң таза жүрсөң экен, оору деген кандай азап, кө-өөп азап тарттың.

- Ырысым менин, менин бактым сенин бактың, менин азабым сенин азабың экен, мен оорусам сен кошо кыйналдың го?

- Эчтеке эмес, мырзам, баары өттү, баарын унут, өзүңдү кара, эч ойлонбо, балдар чоңоюп баратат, жашообузду оңдоп, куда-кудагый күткөнгө даярданышыбыз керек! - деп күлүп койду.

- Оо менин айым, анда сен кайнене болсоң, мен кайната болом да ээ?

- Ананчы, - Экөө көпкө чейин түн ортосу болгончо сүйлөшүп жатышты.

Күндөр өтүп акыры көңүлүнө жаккан машина алышты. Дуулат баягыдай эле өз жумушунун убарачылыгы менен жүрөт, ошо күнү дагы светофордон токтоп, Ырысбекти көрүп калды. Ал баягыдай эле машиналар токтогондо акча сурап жүргөн. Дуулат аны чакырып алды:

- Ырысбек, дагы эле акча сурап жүрөсүңбү?

- Ооба, - башын жерге салып жооп берди.

- Атаң алып кеткен жокпу?

- Атам үчөөбүздү тең алып кете алган жок… мен иним менен карындашымды өзүм багып жатам, кө-өп акча чогултсам эле соода кылам да, акча сурабай калат элем…

- Ме, муну ал да эртең мага кел, - Дуулат баракка дарегин жазып берди. - Эртең мага кел, мен сага жумуш таап берем, - колуна акча берди да, - бир сыйра кийинип ал! - деп жүрүп кетти. Жолдо келатып: "бечара балдар, энеден да, атадан да айтпаган экен, энеңди урайын акмак, балдарын жакшылап караганга жарабаган экен, ушулардын кусуру ураар, булар бир кезде адам болуп калса ата болуп чыга келет мындайлар", - деп жини келе сөгүп алды да, жарым жылдай азап тарттырган адепсиздин өз балдарын карабаганына таң калып койду. Үйүнө келгенде Мээримдин ооруп жатып калганын көрүп чоочуп кетти:

- Эмне болду, Мээрим, эмнең ооруп жатат?

- Жөн эле, этим ысып башым сынып турат.

- Кудай сактасын, дары ичтиңби?

- Ооба. - Мээрим өзүнүн ичиндеги оюн жашырып айтпады. Айткандан коркту. Анткени аны жолдо келе жатканда Надырбек эки досу менен аны токтотуп алып коркуткан болчу. Ошондон баштап эмне кылаарын билбей жатты. Улам алардын айтканы кулагына угула берип кан басымы көтөрүлүп башы ооруп чыкты: "Эгерде бул миллион сом алып шаардын четиндеги Манас аэропортунун жанындагы кафеге келбесең күйөөңдөн айрыласың, милицияга билдирем деп убара болбо, антсең жаңыласың, эки балаң менен күйөөңдөн тирүүлөй айрыласың", - деген бойдон номери жок машинанын жүрүп кеткени көз алдында. Чынында бакыбат жашоодо, бизнестери жүрүп жаткан менен чогулткан акчасы ага жетмек эмес. Ошону ойлоп алып айласы куруп атты: "Ай кудай ай, эмне кылышым керек эле, күн эмеле өтүп кетет. Дуулатка айтсам милицияга билдирип баары ойрондолот, кимден сурайм, эмне кыласың десечи?" - деп жатып алып ойлоно берип ого бетер ооруп калды: "Үч күн.. Оо кудай, деги эмне болуп кетээр кен, балдарымды, күйөөмдү сактай көр!" - деп жаны жай албай атты.

Дуулат жанынан чыкпай, кан басымы көтөрүлүп жөөлүй баштаган аялынын абалынан чоочуп атты: "Көп ойлогондон, эмнени ойлонуп жүрөт, кызык мынчалык абалга келгиче?" - Дуулат ушуларды ойлоп улам тамырын кармап чекесине чүпүрөк суулап басып отурду.

Этинин ысыганы түшүп, кайра көтөрүлүп, бир-эки күндө бир аз өзүнө келе калып кайра ойлонду да, Дуулат үйдө жокто ордунан турду: "Минтип отурсам убакыт өтүп баарынан айрылып калам, тездетишим керек, кассада беш миң доллар бар, азыраак кошсом эле болот экен, убакыт аз, кой шашылбасам болбойт", - деп ойлоп шашыла кийинип сыртка чыкты: Үйдөгү сейфтеги болгон акчаны кайра келип жөнөөрдө алам деди оюнда. Шашылган бойдон таксиге отурду да өзүнүн бир тууган агасына жөнөдү. Мээримдин сырттан шашып, өңү өзгөрүп кирип келгенин көргөн агасы чоочуп кетти:

- Сага эмне болду, өңүң эмне?

- Эч нерсе деле болгон жок… Аке… аке, мага жыйырма миң доллар керек, Дуулатка айтпай берип туруңуз… - Мээрим бүткөн боюн калтырак басып турса да күлүмсүрөй сүйлөдү, - Мен… мен бат эле таап берем! - Жалдырап жиберди.

- Мээрим, сен эмне болуп турасың, карачы өңүңдү, калтырап да атасың, эмне болду, ачык айтчы? - жанына келип жүзүнө үңүлдү.

- Жок-жок, эч нерсе болгон жок, эртең айтам, азыр мага сөзсүз акча керек!

- Ма-акул, азыр берем, эс алчы бир аз, өзүңдө эмессиң, сен бирөөдөн корккон жоксуңбу?

- Мм, коюңузчу, эмнеден коркмок элем.. Бүгүн менден эч нерсе сурабаңызчы? - Мээрим терден кеткен бетин, чекесин бет аарчы менен аарчый жылмайган болду. Агасынын: "Таап берем", - дегенине бир аз эс ала түшкөн эле. Садык банкта иштечү, Мээримге жыйырма миң долларды кагазга ороп колуна карматты да:

- Мээрим, сен менден бир нерсе жашырып жатасың, эртең кеч болуп калып жүрбөсүн? - деди маңдайына келип чачынан сылай, - Сени мындай абалда мурда-кийин көрбөгөнмүн… - деди ойлуу.

- Баары жайында, аке. Эртең түштөн кийин өзүм келем, - деди да, шашыла чыгып баратып, - Дуулатка билдирбей эле коюңуз! - деп чыгып кетти: "Кеч болсо болсун, балдарым менен Дуулатты сактап калсам болду, мени бышырып берсе да даярмын", - деген ойдо артын дагы бир кылчайып карап, жөнөп кетти. Келсе үйүндө Дуулат бар экен:

- Сен кайда кетип калдың, Мээрим? Мен сенден кабатырланып эрте эле келгем, - Дуулат ал кирээри менен эле сурап калды.

- Аа-аа, мен… мен… бир көзү ачыкка… - деп мукактанып калганда Дуулат:

- Эмнеге көзү ачыкка, алардын айтканына өзүң врач болуп туруп ишенесиңби? - деди таң кала карап, - башың оорубай калдыбы?

- Жок, басылып калды, - деп төргө өтүп кетип кийимин чечинип сыртка чыкты. Дуулат анын артынан карап тим болду.

Сыр билгизбей үй жумуштарын жасап, кечки тамактын камын көрүп жүргөн менен өзүнчө бушайман болуп атты: "Эртең кечигип калсам эмне болот? Деги эчтеке билбесе экен". Бирок Дуулат анын кыймыл-аракетинен эч нерсе байкабады. Күндөгүдөй эле тамактанышты да, жатып калышты.

Эртеси болжогон маалга кечикпей барыш үчүн Дуулаттын эртерээк жумушка кетишин күтүп, ал кетээри менен балдарын үйгө камап жолго чыкты. Таксини жол боюна токтотуп:

- Сиз мени күтүңүз, бат эле чыгам, - деди да кафеге кирип кетти. Кафе аэропорттон бир топ алыс, ээн жерде жайгашкан экен. Мээримдин жүрөгү дүкүлдөй кафеге баш бакты. Ичинде анчалык эл болбосо да, босогого туруп калды. Элди кыдырата карап, кечээги бир көргөн адамынын кайдан чыга калаарын билбей көпкө турду. Кафенин ичиндегилердин баарынан күмөн санап, коркунуч бийлеп алган Мээрим заматта өзүн бирөө капканга түшүрчүдөй болуп лакылдаган жүрөк дабышы кулагына угулуп турду: "кудай сактай көр, аман-эсен кутулсам экен", - деп ойлоп ийди. Бир кезде арт жагынан:

- Толук апкелдиңби? - деген дабыш чыкты эле, селт эте артына бурулуп:

- Ооба! - дегенге араң жарады. Кечээги неме көзүнө кара көз айнек тартып алыптыр, бүткөн боюн калтырак басып, кара терге түшүп кетти, - Мына… - ал колундагы пакетти сунганда аны илип ала койгон тигил неме:

- Кете бер! - деди да, кафенин төрүн көздөй өтүп кетти. Мээрим шарт астанадан аттап чыгып таксиге жеткиче өзүн артынан мээлеп тургандай шашкалактап жүгүрүп жетип, таксинин эшигин ачып шалак эте отурду да:

- Айдай бериңиз, эртерээк! - деп коюп отургучка чалкалай көзүн жума "өх!" деп алды. Такси тез эле үйүнө алып келди. Келсе Дуулат үйдө жок экен, балдары ойноп отурушуптур короодо. Аларды кучактап алып, Мээрим ыйлап ийди:

- Кагылайындарым десе, бөөдө кырсыктан алып болсоңор экен, маңдайыңарда атаң экөөбүз… - буулугуп ыйлап жатканда Дуулат кирип келип эле мостойо туруп калды: "Бул эмнеси, соо эмес, буга бир нерсе болгон, балким Кубатка мен ооруп жүргөндө жолугуп калып, балдарды кыя албай жүрөбү?" - деп бир топко ордунда карап туруп, бери басты:

- мээрим, сага эмне болду? Бир жакка кетип калчудай болуп, балдарды кучактап ыйлап алганың эмнең? - үрпөйө аялына эңкейди, - Сен мындай эмес элең, ачык айтчы деги ички оюңду?!

- Эмнени, Дуулат, эмнени айтайын? Жөн эле ушул бактыма, уулдарымдын аман-эсендигине, сенин сакайып кеткениңе кубанып эле ыйлагым келди… - Мээрим күйөөсүн көз жашын аарчый күлө карады, - көптөн берки бугумду бир чыгарып алдым окшойт. Сен ооруп жатканда: "Көзүмдөн жаш чыгарбайын", - деп ырым менен баарын ичке топтогонмун, бүгүн өзүнөн өзү ыйлагым келип…

- Ыйлабачы, жаным. Сен ыйласаң бүжүрөп койондун бөжөгүндөй абалга келишиптир, карачы күчүктөрүм десе, - Дуулат эки уулун кучактап көкүлдөрүнөн өптү, - апаңар силерди коркутуп атабы?

- Жо-ок, мен корккон деле жокмун, - Актан эдирейе жооп берди.

- Мен корктум. Апа, эмнеге ыйладың, эми эч качан ыйлабайсың, ээ?

- Ооба, садагам, эч качан ыйлабайм. Силерге эркелеп эле ыйлабадымбы, - Мээрим уулунун ууртунан чымчый эркелетип койду, - а сен коркпой жүр ээ?

- Ооба, апа, коркпойм.

- Менин балдарым баатыр болот, эч нерседен коркпойт, апасы болсо бүгүн эркелеп атат, мындан кийин таптакыр ыйлабайт, - Дуулат Мээримди муңайым карады, - Сага ыйлаган эч жарашпайт, алтыным. Карачы, кечээ ооругандан бери көздөрүң киртийип, кыйналганың көрүнүп турат. Жүрү үйгө, эс алчы!

Ээрчише үйгө кирген жубайлар күнүмдүк жашоо тиричилик жөнүндө сүйлөшүп жатып, Дуулат өз оюндагысын айтып отурду:

- Мээрим, бүгүн бир ой ойлодум, бүгүн кеч болуп калды, эртең экөөбүз чыгып үйгө бир жакшы диван-кресло албасак болбойт. Достордун үйүнө барганда өзүмчө кысынып кетчү болдум. Баарында эле четэлдик мебелдер бар, биздикин кара… Өзүң айткандай, балдар эми эле чоңойот, буларды окутуш да керек, азыртан мына бу беш бөлмө үйдү толтуруп койсок дос-душмандын көзүнө.

- Мм… - Мээрим шашкалактап кетти, - Мм… Дуулат, азыр аны алганда эмне, койо туралы, акыры алабыз да.

- Жо-ок, жаным, кудайга шүгүр бар, жок эмес, эртең сөзсүз алабыз. Үйдөгүнү санап көрөбүз, тиги жактагы кассада дагы бир топ бар.

- Ал жакта канча бар?

- Аякта жүз миңдин тегереги бар, үйдө кача экенин сен билесиң да.

- Дуулат, үйдө бир аз эле бар да, анчалык акча жок! - Мээрим тынчсызданганын билдирбегенге аракеттене үн катты, - Дары-дармекке, машина алганда албадык беле, андан кийин күндө тамак-ашка, кийим-кечеге кетип жатат… - Жер карап күнөөлүүдөй жооп берди.

- Мүмкүн эмес, үйдө жалаң долларга айлантып апкелген акчалар бар эмес беле?! - Дуулат чындап жини келе сурады.

- Мен эмне, төркүнүмө берип жатамбы, Дуулат? Көптөн бери үйгө алып келбей калдык, мурункулар четинен жок болду да..

- Мм.. - Дуулат ачуусун баса ойлонуп калды: "Бул чын эле бирөөгө берген, болбосо ошончо акча кайда кетмек эле? Төркүнү анчалык муктаж эмес, агасы банкта иштейт, үй-жайы биздикинен да өйдөрөөк, тың турушат", - деп ойлоп, - Мээрим, чыныңды айтчы, төркүндөрүң сенден албайт, билем аны. Ашыкча жок кылчу эмессиң сен… - көздөрү күнөөлүүдөй аны телмире карады.

- Эмне, мен кайда жок кылмак элем? Андай болсо Садык акемден алып келип берейин, акча эле керек болсо…

- Жо-ок, Мээрим, агаңа акча сурап барбагын. Аларга бербейсиң, билем, бирок мынча акчаны сен өзүң жок кыла алмак эмессиң… - Дуулат жоошуй түшүп, бир топко ойлуу отуруп калды. Араларын ашыкча сөз аралабады. Мээрим үйдөгүнү кой, агасына эмне деп айтаарын билбей, ичинен кыжаалат болуп атты: "Өз бир тууганым эмеспи, ачык эле айтайын, Дуулатка билдирсем милицияга айтып ишти чатагына айлантат", - деп ойлоп алып, кайра: "Эми кайдан тапмак эле, аларды мен тааныбасам, эч нерсе болбойт чыгаар", - деп ойлоп, өзүнчө көңүлү жайлана түштү. Дуулат баары бир эртең мебель алууну көздөдү. Мээримди ээрчитип алып экөө четэлдик мебель сатчу дүкөнгө келишти да, Италиянын диван креслосун сатып алышты. Ошентип Мээрим агасына эки күн десе да, жолугууга колу бошоп бара албады.

Мээримдин ойлуу болуп кеткенине Дуулат көңүл кош карай албады, сураган да жок, оюнда анын жүрөгү сезгендей бирөөнү сүйдүм деп, же Кубат менен жетелешип кетип калчудай болуп жүрдү: "Бул соо эмес, мен ооруп жатканда бул Кубатка жолугуп жүргөндүр, балким аны менен кеткиси келип атпасын? Акчаны да кийинки жашоосу үчүн деп бир жерден үй сатып алгандыр…", - деп ойлонгондо жаны жай албай кыжаалат болчу болду. Жумушуна келсе аны Ырысбек күтүп отуруптур.

- Кел, баатыр, кел! - Дуулат аны кабинетине ээрчитип кирип, - Отур. Сен бүгүндөн баштап мынабу ишкананын ичи-сыртын тазалап, гүлдөрдү суугарып, күндө ушул жерде болосуң. Мен сага күндө акыңды берип турам, макулсуңбу? - деди жылмая далыга таптап.

- Макул, байке. Ини-карындашымды бакканга жараса эле болду, - Ырысбек кубана Дуулатты мулуңдай карады.

- Жете турган берем, сен көчөгө чыкпай жүр. Бул жерде толуп жаткан жумуш деле жок.

- Мен даярмын баарына! - Ырысбектин ушу кездеги чечкиндүү жооп бериши Дуулатты кубантты. Аны бир топко телмире карап туруп, анын көздөрүнөн Гүлжамалдын көз карашын көрдү: "Окшош экен, байкуш ай, ушу балдарыңды жакшылап өстүрүп, урмат-сыйын көрсөң болбойт беле?" - деп улутунуп ийди.

- Болуптур, мына бул акчаны бекем салып ал, мен сага баарын көрсөтүп койойун, - деп сыртка алып чыкты, - мына бул гүлдөрдү сугарып, тазалап койосуң. Кароолчуга жардам бересиң, анан үйүңө кете бересиң. Эртең келгениңде бир сыйра кийим алып келип койом, - деди эле, Ырысбек кубанычтуу:

- Баарын жасайм, колумдан баары келет, сизге рахмат! - деп чакылдай жооп берди.

- Азыр кароолчу келсе дайындайын, - дегиче ары жактан кароолчу Мамыт келип калды, - Мамыт аке, сизге кароолчулукка жардамчы алып келдим!

- Эмнеге, кароолчуга өзүм эле жетишмекмин да, - Мамыт Дуулатты суроолуу карады: "Менин айлыгымдан бөлүшөбү, анда үйбүлөмдү багалбай калам. Андан көрө бошотуп кой дейин", - деген ойдо оозун таптап келатканда Дуулат аны колун көтөрө токтотуп койду:

- Сиз айлыгыңыздан коркпоңуз, бул жигитке күндө өз акысын берип турам.

- Аа-аа, анда мейли. Чынында мен башкача ойлоп кеттим окшойт, кечирип кой, иним.

- Эчтеке эмес, боло берет, иштей бергиле, - деди да, Дуулат кабинетине кирип кетти.

Ырысбек Мамыт көрсөткөн жумушту жасады да, кетип калды. Бала болсо да өзүнө жардам көрсөткөн боорукер адамды жакшы көрүп турду: "Өмүр бою жакшылыгын унутпайм. Чоңоюп адам болуп алсам өз атамдай сыйлайм. Окубай дагы калдым, канткенде окуп алам?" - деп узун ойдун учугу менен үйүнө жеткенин сезбей калды. Апасы бар кездегиге караганда азыр үйүн Ырысбек өзү иниси менен шыпырып тазалап, кирлерин жууп турат. Камиля быйыл сегизге чыгып калды, ал дагы тим турбай, шыпырышып, идиш-аяк жууп, үйүнө чаң жугузбай турушат. Бир-эки жумада бир жолу тайнеси келип кабар алып турат. Алып кетели дегенде Ырысбек: "Өзүбүз эле жашайбыз, айылга барганда жетим деген сөздү угуп жүрөк оорутканча. Өз атабызга биздин керегибиз жок экен", - деп ыйламсырай тим болгон. Он беш жашар баланын айтканын эп көрүп, оюна койгон болчу тайнеси.

Ырысбек бүгүн өзүнчө бир кубанычтуу келди, жолдон нан, тамак-аш алып келди. Эки бөбөгү аны тосуп алып, алып келгендерин ортого коюп тамактанышты.

- Мен жумуш таптым, эми көчөгө чыгып акча сурабайбыз, экөөң үйдө гана отургула, силерди мектепке окутам, - деп кубана карындашын башынан сылай улутунуп алды, - Биз чоңойобуз, адам болобуз. Ошондо көрөм, ата сөрөйдүн келбегенин… - деп кеги бар адамдай жаак эттерин түйүлтө тиштенип, көз алдына Надырбекти келтирди.

- Аба, биз чоңойгондо атам бизге келеби? - Камиля агасын карап сүйүнгөндөй сурады.

- Камиля, бизге чоңойгондо келгенинин эмне кереги бар? Биз үчөөбүз көрүнгөн жерде акча сурап жан багып атканда келбеген, чоңойгондо келбей эле койсун!

- Туура, апам болсо да мейли эле, биздин жалгыз кароосуз калганыбызды билип туруп карабаган атанын бизге кереги жок! - кичүү иниси Артисбек чоң кишидей ойлуу сүйлөдү.

Ошентип алардын жашоосунда өзгөрүү башталды. Ырысбек күндө жумушка барат. Көп деле жумуш жок, бир-эки саат жүрүп, кайра келет. Дуулаттын алып койгон костюм-шым менен туфлиси чак келип, эки жагын карана кийип алган. Дуулат аны көрүп: "Гүлжамалдын арбагы ыраазы болсун, "жамандыкка жакшылык кылуу эр адамдын иши" дешет эмеспи, ал иттик кылса, мен кишичилик кылайын, балада эмне күнөө?" - деп ойлоп, жумуш болсо да, болбосо да кээде эки жүз, кээде беш жүз сомдон берип койот. Ырысбек өзү акчаны көп коротчу эмес, тамаш-аштарынан калганын экөөнө билгизбей катып жүрүп, бир топ акча жыйып алды. Анын эстүү, чоң кишидей иш кылганы Дуулатка жагып калды. Кээде үйүнө жөнөтүп, үйүн актатып, оор жумуштарын жасатып жүрдү. Ар ишти көңүлү менен так аткарганына ыраазы. Кабагым-кашым дебей бир туугандарын карап жатканына ичинен өз баласындай жакшы көрүп да кетет.

Бирок Дуулаттын турмушунда дагы жүрөк түшүргүдөй окуя болуп кетээри ойго келбеген капсалаң болду. Иши жүрүп, элдик медицина боюнча киши көргөнгө дагы бир кабинет ачып, белгилүү табыпты отургузуп койду. Элүүдөй адам дарыланып чыга турган бул оорукана шаардын чет жагында салынган.

Дуулат жумуштары менен Россияга кеткенине үч күн болгон. Анын ордуна Мээрим иштеп жүргөн. Ушу күнү ооруканага жете берээрде алдынан кара машина чыгып, жанына токтоду да:

- Ийи сулуу келинчек, күткөн жок белең? Бизге дагы акча керек, бир жумадан кийин ушул күнү дал ушул саатта баягы кафеге алып барасың. Эсиңде болсун, бирөө-жарымга айтып шум кыла турган болсоң балдарың менен күйөөңдөн тирүүлөй айрыласың! - деп кытмыр жылмайып койду. - Эки миллион керек!

- Анча акчаны кайдан табам? Кудай жалгагырлар, мени тынч койгулачы, балдарыма, күйөөмө тийе көрбөгүлөчү?! - Мээрим калчылдай ыйлап жиберди.

- Кайдан табыш менин эмес, сенин ишиң. Эмки жума күнү кечки төрттө күтөм! - деди да, машинасын чаңдата айдап кетип калды.

- Оо кудай, бу эмне деген азабың эле, эми эмне кылам?! - Мээрим буркурап ыйлап жиберди да, кайра артына бурулуп агасынын жумушуна жөнөдү. Бир туугандарынын ичинен Садык ушу карындашын өтө жакшы көрчү. Мээрим мурун чындыгын айтканда: "Дуулатка айтып кеңешели, алар муну менен тынчыбайт, дагы келиши мүмкүн", - десе болбой койгон. Эми болгонун болгондой айтуу үчүн баратты. Кабинетке өңү бозоруп кирип келген карындашын көрүп, чоочуй ордунан тура калды:

- Эмне болду, тынччылыкпы?

- Кайдан, баягылар дагы жолумдан тосуп алып, эки миллион талап кылды, болбосо балдарың менен күйөөңдү тирүүлөй жоготобуз дейт.

- Бок жептир, эч нерседен коркпо, эми алардын жолу болбойт, сөзсүз колго түшүрөбүз! - деп Мээримди тынчтандырып, үйүнө машинасы менен алып барып койду, - Дуулат качан келем деди эле?

- Эки-үч күндө келип калат ко.

- Анда коркпо, алар ошол белгиленген күнгө чейин келбейт, мен өзүм кабар алып турам. Балдарды эшикке чыгарба, - деп кетти Садык: "Кызык, эмне үчүн буларга минтип жатат? Бир сыр бар, жөндөн жөн эле тийише бербейт. Дуулатты сабап, машинасын алып кеткендер болуп жүрбөсүн?" - деп ойлоп баратып, майор досуна кеңешүүгө кайрылды. Ал келгенде Зыпар жок болчу: "Кечинде келем", - деп коюп үйүнө жөнөдү. : "Этиет кылбаса болбойт, Дуулатты шашылыш чакырыш керек, балдарын алып кетип калбасын", - деп, келгенден кийин да көңүлү тынч алалбай атты. Кеч күүгүмдө Садык Зыпарга келсе жаңы эле келген экен. Экөө көрүшүп, өткөн-кеткенди сураштырып, Садык келген жөнүн сыртка чыгып эч кимге угузбай айтты:

- Ошондой, досум, сенин жардамың керек, - Садык Зыпарды суроолуу карады.

- Колдон келген жардамды аябайм, буйруса аларды ошол сааттарда колго түшүрөбүз.

- Сага ишенем, карындашымдын коркоктугунан пайдаланып атышат ко. Бир миллион, эки миллион, эми муну берсе үч миллион сурашат чыгаар.

- Силер ошол сумманы таап карындашыңды жибересиңер. Биз опертоп менен түндөсү барып бекинип турушубуз керек, антпесе аларды кармай албайбыз. Шектүү машина же адамды көрсө келбей коюшат.

- Ооба, дал ошондой болушу мүмкүн. Буга чейин дагы канчаны сыздатып, жүрөгүнүн үшүн алды дейсиң. Анда мен барайын, - Садык Зыпар менен коштошуп, үйүнө жөнөдү.

Үч күндөн кийин Дуулат келип калды. Садык анын токтогон жерине телеграмма жөнөткөн. Үрөйү учуп жетип келди. Садык менен Мээрим тосуп алды. Санаасы санга бөлүнүп, Мээримди көргөндө эс ала түштү:

- Тынччылыкпы?

- Эч камтама болбо, бир аз иштер болуп калды, үйдөн сүйлөшөлү, - Садык учурашкандан кийин машинага түшүп жатып, - сени чакыртпасак болбой калды, - деп машинасын зуулдата айдап үйгө жетип келишти.

- Иш мындай, Дуулат, - деп баштады Садык сөзүн ток этер жерден баштап, - Мээрим бир ай мурун келип акча сураганда эмнеге керек десем айтпай койгон. Андан кийин мага болгонун айтып берген. Мен сага айтайын десем, сени аяп айтпа деп болбой койду эле…

- Эмне болду, аке, маалкатпай айтыңызчы? Анча акчаны эмнеге сурап жүрөт? Үйдөгү беш миңден ашык доллар да жок, сурасам айтпайт.

- Токто, мени угуп тур. Кимдир бирөөлөр Мээримди коркутуп акча сураптыр..

- Койчу, кимдер экен?

- Ким билет. Бир миллион сураганда алып барып берген экен. Эми эки миллион сураптыр..

- Эмнеге?! Сураса эле бере бергидей банк бар бекен? - Мээримди карады, - Кеңешип койсоң болот беле? - Мээрим ыйлап тура берди.

- Алар эгер бербесең эки балаң менен күйөөңдү тирүүлөй жоготобуз деп атса берет да! - Садык да жини келе сүйлөдү, - сени ойлонуп ооруп калбасын дегени, милицияга билдирсең үйбүлөң менен жок кылам деп жатса коркот да!

- Кандай эле жок кылат экен, милицияга билдиребиз, керек болсо өздөрүн жок кылабыз!

- Айтыш оңой, алар деген азыр ар бирибиздин артыбыздан аңдып жүрүшкөндүр. Мээримдин кадамы сайын коркунучтуу азыр, билсең.

- Эмне кылыш керек? - Дуулат башын мыкчый отуруп калды. - Акчаны эмнеге сурап жатышат?… - Көпкө баары үндөбөй калды, - бир кезде Дуулат бир нерсени эстегендей, - Акмак, булар ошолор болуш керек! - деп ордунан туруп ары-бери баса баштады, Сөзсүз ошолор…

- Кимдер эле, сен аны билесиңби? - Садык аны кубана карады, - эгер билсең табыш оңой болот эле.

- Ошолор болушу мүмкүн, мени өлтүрөбүз деп өлтүрө албай калганга ушундай жолго өтүшкөн тура. Эртең балдарды алып кеч киргенде эч кимге билинбей үйдөн кетиш керек. Калганын өзүм бүтүрөм.

- Сени эмнеге өлтүрмөк болгон, себебин билесиң да?

- Ооба, ал бир болбогон сөз. Ал Гүлжамалдын күйөөсү! - Дуулат ары карап туруп айтты, - Мени ошол өлтүрүп, мүрзөгө алпарып ташташкан, а мен өлбөй калганмын, - Дуулат калганын баштан аяк айтып берди. Садык менен Мээрим унчукпай угуп отурушту, - бети жок акмактар да, адамдык сезими жок жырткыч сымал немелердин колунан баары келээри бышык!

- Дуулат, мага эчтеке эмес, балдарымдан корком. Эптеп бер дегенин берип кутулсак болмок, - Мээрим ыйламсырап эки уулун колтугуна кысып жалдырап ийди, - Өчөшпөй эле берип салыш керек!

- Эмнени беребиз? Берсек дагы келет, биротоло коркутуп алат да?!

- Аның туура, Дуулат. Ого бетер коркутканга өтөт андайлар. Биз Зыпар экөөбүз сүйлөштүк, акчаны алып барып Мээрим өткөндөгүдөй кылып бергенден кийин аларды узатпай опертоп менен тегеректеп кармашыбыз керек.

- Анда Мээримге коркунуч туулуп калбайбы? Алар жанкечтилер, өлтүргөндөн кайра тартышпайт! - Түшү менен ары кетип, бери кетип атып, Садык үйүнө кетти. Мээрим үрпөйүп коркуп отура берди.

- Мээрим, коркпо. Мен анын үйүн сураштырып таап барам, анын үч баласы менин колумда, мен андан мурун аларга көрсөтөм!

- Кантип, Дуулат? Үч баласын карабай таштап койгон неме укмак беле?

Ошентип эч нерсе чече алышпады. Эртеси түнү менен Мээримди эки баласы менен бир досунун үйүнө жеткирип, болжогон күндү күтүп калышты. Болжогон күнү алардын үйүн тегеректеп опертоп кайтарып калды. Дуулат: "Алар акчаны алып келээр маалды күтөт, барбаган соң сөзсүз үйгө келет, ошондо кармаш керек", - деп Зыпар менен Садык үчөө отурганда айтты эле, туура көрүштү. Мээрим менен балдары турган үйдү да кайтарууга алышты.

Мээримдин эки миллион сомду алып келээрин күтүп отурушуп, бирок ал келбегенден кийин Надырбек биротоло жинденип алды:

- Мени оңой ойлоп жүргөн экен, сени шашпа, сага көрсөтүп тунук "сүйүүнү" далилдеп аялыңдын "тигинисин" мойнуңа илип койбосом элеби?!

- Надырбек, бербесе тим койолу, дагы бир күнү жолукканда биякка алып келип алабыз, ошондо бербеске аргасы калбайт.

- Азыр үйүнө барганда сөзсүз кармалабыз, алар баары бир билдиришти, күтүп турушу мүмкүн, - деди шериктеринин бири.

- Туура, алар бүгүн түнү күтүшөт бизди, үч күндөн кийин үйүн өрттөп келебиз, - дешип өздөрүнчө күпүлдөп жатышты.

Надырбек куру дымак менен күпүлдөгөндөн башка кайраты жок суу жүрөктөрдөн болчу. Алы жеткени эле уурулук, тоноо менен өзүн жаманатты кылып алган. Уурулугу менен эки жолу түрмөгө да түшкөн. Жанындагы шериктери да экинчи жолу түрмөдө отурганда таанышкан шериктери, оңой жашоону көздөп, төртөө көптөн бери көнгөн адаттары менен иштешүүдө. Мындай коркутууну Дуулаттын гана үйбүлөсүнөн баштаган. Миллион колдоруна тийгенде тойлоп жатышып: "Буйруса бул жол эң оңой жол экен, даап эч кимиси милицияга да бере алышпайт", - деп ойлошуп Мээримдин артынан аңдышып, жашаган үйүн да көрүп алышкан. Алар сактанышпаса балдарын ойноп жүргөндө алып кетүүсү мүмкүн болчу. Дуулат өлбөй калгандан кийин бир топко коркуп жүрүштү. Бирок анын дымы чыкпай калганда: "Ал бизден коркуп калды", - деген ойдо коркутуп акча табуу жолуна өтүшкөн. Негизи коркунучтуу бандиттерден эмес экени милицияга белгилүү эле,

Дуулат айткандан кийин ата-энесинин, аялынын үйүнө барып сураштырышса аялы: "Мен ажырашып кеткем, түрмөгө түшкөндө эле", - деп койду. Бирок ал аялынан эки баласы бар болчу, анда-санда табылгасы көп болгондо барып акча таштап кетчү. Анысын аялы айтпады. Ошондон кийин бир жумага чейин дымы чыкпай калды, опертоп бир жума Дуулаттын үйүн кезек менен күн да, түн да шектүү адамдарды кармоо үчүн кайтарышты, бир жуманын ичинде анын үйүнө бир да жан басып келбеди. Мээрим бирөөнүн үйүндө жүрүп балдары менен кысынып кыйналып кетти. Агасыныкына кетишти, ал жерде үч күн жүргөндөн кийин:

- Дуулат, кудай сактасын, үйгө бара берели, кыйналып кеттим, - деди.

- Сен кызыксың, алар бизди унуткарып анан келет, сени көчөдөн, баскан жолдон аңдып жүрүшкөндүр, кокус мен көрүнсөм да алып барып өлтүрүп койуулары мүмкүн.

- Кудай ай, кандай күндө калдык эле… - Мээрим буркурап ыйлап жиберди.

- Чыда, жаным, аз калды, алар баары бир келишет, - деп Дуулат аялын сооротуп, тынчтандырып коюп чыгып кетти да, кайра эле бир сааттан кийин шашып кирип келди: Аны көргөн Мээрим алдын торой сурап ийди:

- Эмне тынччылыкпы?

- Кайдан, үйдү өрттөп кетишиптир, түндө үйдү өрттөшүп кетиптир!!! - босогодо шалдырай отуруп башын мыкчый калды, - деги эмне кылышым керек ыя?

- Ошол үчүн сураган акчасын берип кутулуш керек болчу, эми алар балдарды эркин бастырбай канчага чейин ушинтип бирөөнүн үйүндө жүрө беребиз?

- Токто, мен бир жолун таптым, мен анын атасынын үйүнө билгизбей мусаапыр болуп барам да, көпкө жүрөм, ошондо кармайм.

- Сага карматпайт алар, Дуулат, дагы мертинтип коюп жүрбөсүн? - Мээрим үрпөйө калды.

- Анда дагы бир жол… - деп эшикке чыгып кетти. Ал жумушуна келип эле Ырысбекти сурады эле анын эки күндөн бери келбегенин угуп шашыла ага жөнөйүн деп сыртка чыкканда алдынан чыга калды, - Сен кайда жүрөсүң, эмнеге эки күндөн бери келбей жүрөсүң?

- Байке, мени… мени… - Ырысбек сөз айтылбай ыйлап жиберди.

- Эмне болду, ини карындашың тынч элеби? - Дуулат аны чоочулай карады.

- Алар тынч эле, атам мени эч жакка чыгарбай…

- Атаң үйдөбү?

- Ооба, үч күндөн бери үч киши менен келип үйдө арак ичип, менин акчаларымды алып…

- Канча күн болду?

- Бир жумадан бери үйдө.

- Анда сен ини-карындашыңды атаңа көрсөтпөй ээрчитип кел, мен жөнүндө эч нерсе айтпа, кайда иштеп жүргөнүңдү билген жокпу?

- Ал мени кантип акча тапканымды билбейт да, кызыгып койгон жок!

- А сен атаңдын кандай экенин билесиңби?

- Кызыкпайм, ата катары эсептегим келбейт!

- Анда бара бер, тезирээк көрүнбөй келип калгыла! - Дуулат аны чыгарып коюп өзү Зыпардын кабинетине телефон чалды да, Садыктын үйүнө шашыла жөнөдү. Ал жерден Зыпар, Садык үчөө кандай жол менен Надырбектерди кармоо жөнүндө кеңешип, оперлерге убакыт болжоп чакырып коюшту да, Ырысбек менен ини-карындашын Мээримдер турган жерге алып келишти.

- Силер мында тура бергиле, эч нерседен коркпогула, - деп коюп кеч киришин күтүп калышты. Күн кеч кирип аңдып турушканда Надырбек ичкериден жиндене үн салды:

- Эй, энеси жаман күчүктөр, кайда кеттиңер? Энеңди урайындар, силерди эле өлтүрүп салбасамбы! - деп чыгып келатканда каалганын артында турган оперлердин бири бир чаап жыкканда Дуулат жетип барып кармайын дегенде Надырбек тээп калды. Жыгылып кеткен Дуулат тура калгыча ал ордунан тура калып босогодо турган балта менен чаап ийигенде чалкасынан кетти. Оперлер чогулуп Надырбекти кармап колуна кишен салып машинага алып барып экөө кайтарып калды. Надырбектин артынан чыгып келаткан үчөө качууга аракеттенди эле аларды да кармап кишендеп машинага салып, Садык болсо Дуулатты ооруканага алып кетти. Эки күндөн кийин эсине келген Дуулаттын көзү көрбөй калды. Башына тийген балканын арты аз жерден мээсин жарбай калган, сөөктөн жарака кетип мээге шишик пайда кылган.

Надырбектерди бирден суракка алып жатышты. Надырбек эч нерсени мойнуна албай жатты:

- Кана, канча кишини тоноп, канча кишинин убалына калдың, өзүң айтчы? - Зыпар жылмая, мыскыл аралаш сурады.

- Эч кандай киши тоногон эмесмин, бүт жалган жалаа!

- Такыр күнөөң жокпу?

- Жок!

- Мурун да жалган жерден соттолдуң беле?

- Болбогон жалаа болчу.

- Кызы-ык, сен жалган эле жалаа менен эки жолу отурган турбайсыңбы? - Зыпар сыртты көздөй үн салды, - Мээрим, кирчи бери!

- Чакырдыңызбы? - Мээрим Надырбекти көрүп бүткөн бою дүрр дей түшүп коркуп кетти.

- Кел, Мээрим, мынабу кишини тааныйсыңбы?

- Ооба…

- Сенчи?

- Мен эч кимди тааныбайм, катын аттууну жек көрөм! - Мээримди кирип келгенде көрүп эле көздөрү канталай тиштерин кычыратып алды: "Ошондо миллионго кошуп тынчытып койсом болмок экен", - деп турду ичинен.

- Канча балаң бар, балдарыңды жакшы карайсыңбы?

- Менин балдарымды караган-карабаганым менен кайда ишиңер бар, кылчуңарды кылбайсыңарбы! - Кадырбек жиндене кыйкырды.

- Суроого түз жооп бер, баланы карабай таштап кеткендер үчүн статья бар, эгер балдарга ата катары карабасаң аталык укуктан ажырайсың!

- Менин балдарым эмес, энеси аларды кайдан төрөгөнүн билем, мени сүйчү эмес, кетип калчу.

- Андай болсо эмнеге ата экендигиң жөнүндө аларга атыңды бердиң эле?

- Ал силердин ишиңер эмес, сотточу болсоңор тезирээк соттобойсуңарбы!

- Шашпа, бул аялдан эмне үчүн коркутуп миллион сом алдың?

- Жалган, мен бул катынды көргөн да эмесин! - Надырбек тескери карап алып бакырып-өкүрүп башын дубалга ургулап кирди, - Эч нерсе айтпайм, же соттогула, же өлтүргүлө, мага баары бир!

Зыпар анын эч нерсе айтпасын билди да:

- Алып кеткиле! - деп Мээримди ээрчитип сыртка чыкты.

- Сен коркпо, үйүңө бар дагы Дуулатты жакшылап карагыла, мен дагы кечинде кабар алам.

- Рахмат сизге, - Мээрим башка эч нерсе сүйлөбөй жөнөп кетти. Надырбек менен үч шеригин бир айдай катуу суракка алып, күнөөлөрүнүн баарын өз мойнуна алдырып он жылдан он эки жылга чейин кестирип ийишти. Сотто Надырбек:

- Ушундай болоорун билгенде ошондо эле сени жок кылсам болмок экен. Эсиңде болсун, акыры өлбөсөм келем, тынчтык бербейм жашооңо. Дуулат үчүн менин үйбүлөм ыдырап, жашоом тозокко айланды. Сүйүү деген кандай экенин дагы бир көрсөтөм! - деп тайманбай, элди, ата-энесин көзүнө илбей кыйкырып атканда аны орган кызматкерлери алып чыгып кетишти.

Дуулаттын мээсине операция жасашты, бир топ күндөн кийин ордунан туруп калганы менен көзү көрбөй калды: "Неге менин жаным бек, өлбөй калып дагы Мээримге жүгүмдү салып тирүү жүргөнчө өлгөнүм жакшы эмес беле?" - деп ичинен сызып бир жан менен сүйлөшпөй жатып алчу болду. Мээрим дале үйрүлүп түшүп, ысык тамагын берип, кийимин таза жууп карап атты. Бирок анын жүрөк түпкүрүндө жүрөкзаада кылган ой бар эле: "Баары бир өлбөсөм келем, жашооңорго тынчтык бербейм", - деген Надырбектин сөзү эсинен кетпейт: "Чын эле баары бир келет, убакыт деген бат эле өтүп кетет, ай кудай ай, кантээр экенмин?" - деп убайымда жүргөнүн Дуулатка билдирбейт. Түн. Уйкусу качып, төшөгүндө ооналактап жаткан. Дуулат ооруканадан чыккандан бери Мээримдин жанына жатпай өзүнчө, башка бөлмөдө уктоочу болгон. Качан уйку жетегине киргенин сезбеди, түш көрүп, ар нерсени сүйлөй берди: "Кубат койчу эми, жөн болчу, мен балдарыма барайын", - деп атты. Түшүндө кадимкидей эле Кубат менен бир төшөктө эрди-катындай кучакташып жатышкан экен, эч нерсе болбогондой, жаңы үйлөнгөндөй, апаппак төшөктө экөөнүн денелери жуурулушат. "Мээрим, мени таштап кетпечи, жаным, сенден түк бөлүнгүм жок, өмүрүмдүн жазы, көңүлүмдүн назы, күнүм, айым болуп жүрө берчи", - деп Кубат аны жанталаша чолоо жерин калтырбай өпкүлөп жатты. Бир кезде Мээрим эсине келе калып балдарын, күйөөсүн эстей ордунан ыргып туруп жүгүрүп жөнөдү, ээн талаа гүлгө оронуп, жапжашыл тулаң чөптүү адырда жүгүрүп баратып уулдарынын атын атап, күйөөсүн чакырып атып ойгонуп кетти. Кара терге түшүп, жүрөгү лакылдаганынан ордунан туруп муздак суу ичип кайра жатты: "Кызык эмнеге Кубат түшүмө кирди, ал ойлонуп атты бекен? Кайда-ан, эми мен аны менен бирге боло албайм го, арадан канча жылдар өттү, балдарым чоңойду, Дуулат болсо оорукчан болуп калды", - деп ойлоп улутунуп алды.

Билинбей беш жыл өтүп кетти. Дуулат бүдөмүк көрөт, кээде гана башы катуу ооруп чыдатпай кыйнаганы болбосо, үйдө ары-бери басып жүрө берет. Түнт болуп кетти. Ал Мээримге боору ооруп жүргөнү менен, экөө тең аргасыз эле, эми Дуулат ага эркиндик бергени менен да ал кетмек эмес. Эки уулу тең бойго жетип баратат. Арген мектепте жалаң бешке окуйт, сегизинчи класста. Арслан болсо бир аз тентегирээк болгону менен, ал да жакшы окуйт. Айрыкча Мээрим аларды ар саат сайын акыл айтып кичи пейилдикке үйрөтүп, сабактарын текшерип турат. Бактылуу үйбүлөдө билинбеген арман, туңгуюк суроо, өксүк жатканын балдар деле сезгендей ашыкча эркелебей эне-атасынын кабак-кашын карап турушат. Дуулат өз билгениндей дарыланып көрдү, өзү да сезди эми жакшы боло албасын, башынын оорусу күчөгөндөн күчөп жаны кыйналды. Андайда чебелектеген Мээрим жанынан чыкпайт. Башына муздак суудан басып, эти ысыса градусник коюп, укол сайып тынч алып уктаганча көз айрыбайт: "Байкушум ай, кыйналдың го, канткенде сенин бактылуу жадырап күлүп жүргөнүңдү көрөөр экемин, тагдырым ушул тура", - деп сыздап түнү бою ыйлап чыгат. Ошол күнү таң эрте тамагын берип коюп ооруканага кеткен. Балдары жаңы эле жазгы каникулга чыгып, сыртта чарбактарын карап жүрүшкөн. Үй сатып алгандан бери эшигинин алдына гүл өстүрүп, бир аз жашылча эгип, бирин-серин алма-өрүктүн көчөтүн отургузушуп, түптөрүн жумшартып жатышкан. Дуулат Мээрим кеткенден кийин көзү илинип кетип түш көрүп жатыптыр, түшүндө бир аял ага жип берип: "Ме буга муунун өл, сен жашабайсың, эми сага жашоонун эмне кереги бар, кор болуп калгыча өл!" - деп жатыптыр. Чоочуп кетти, тамагы кургап, жүрөгү элеп-желеп: "Бул эмнеси, менин да күнүм бүтүп баратабы, жок, муунбай эле өз ажалыман өлөйүн", - деп ойлонуп сыртка чыгып эптеп таяк менен ажатканага баратып чалынып жыгылып кетти, артынан жүргөн балдары жүгүрүп келип өйдө кылганда кан жая берди, эки бала коркуп кетип башынын жарылган жерин чүпүрөк менен басып жатканда Мээрим келип калды:

- Эмне болду? - деп үрпөңдөй үйгө киргизип, тез жардам чакырып, тополоң түшүп калышты. Дуулат өзүн билбей каны токтогон менен өзү эсине келе албай дөөрүй берди. Бир жумага чейин дөөрүп жатып акыры туугандарынын жанында турганын, аялы, мончоктой балдарынын ыйлап чыркыраганына көңүл буруп карай албай жөөлүп жатып үзүлүп кете берди. Акыркы мүнөттөрүндө кашында кан какшап отурган аялын сезбей: "Гүлжамал, мен сени менен кетем, качпачы менден", - деп жатканда да Мээрим аны көңүлүнө албады, кантсе да он беш жылдай кашында жаман жакшы айтышпай жашаган күйөөсү, уулдарынын атасы эмес беле. Жаштыгы, өмүрүнүн эң сонун гүлдөгөн учурун ушул адам менен өткөрүп, ысык суугуна күйбөдү беле, аттиң дүйнө, тагдыр деген ушундай калыссыз болот тура, өмүрүнүн акырына чейин бирге болобуз дешпеди беле?..

Дуулатты жерге бергенден кийин жылдыгы болгуча үйүнөн чыкпады. Көзүнөн жашы кургаганча, жүрөгү сыздап, жандүйнөсү эзилгенче күйдү. Надырбекти каргады, тагдырына таарынды. Аргасыз, өлгөндүн артынан өлмөк жок, Дуулаттын ишин алып, клиниканын ишин жүргүзүп, жашоосун улантууга киришти. Күн өтүп ай жылган сайын кайгынын издери гана калды, баары өзгөрүлүп, кээде отуруп: "Тобо-оо, өлөөрдө ага Гүлжамал келген го, кызык. Жашоо табышмак экен, эмнеге өлөөрдө бир да жолу балдарын, мени сурап койбой кетти? Же нааразы кылып койдум беле?" - деп көп ойлончу болду. Иштери жакшы болуп, өз ишине чындап киришип, өзү башкы врач болгондон бери көңүлү сергип, өткөн окуя түш көргөн сыяктуу элес-булас көз алдында. Ар жума сайын куран окутуп турат, жыт чыгарып. Убакыт желдей сызып, эки уулу тең окуусун бүтүп чоң окуу жайларына тапшырганда Мэрим үйдө жалгызсырай баштады. Зыпар бир күнү ага келип:

- Мээрим, кандай ал абалың, балдарды окууга киргизип жакшы кылыпсың, - деп отуруп анан, - Эми коркпой эле койсоң болот, баягы Надырбекти болсо түрмөдөн бирөөсү өлтүрүп койуптур, эки жума мурун алып келишти, - деди.

- Өлгөндү табалоого оозум барбайт, күнөөкөр экени чын, арты кайрылуу болсун, ал да бирөөнүн баласы, балдардын атасы эле! - Мээрим ойлуу Зыпарды карады, - жаны жаннатта болсун!

- Кызык сен… - Зыпар таң кала суроолуу карады, - Мээрим, сенден мындайды күткөн жок элем…

- Зыпар аке, тирүүлүктө бирөө момун, бирөө залим, ал эми бирөөлөр зомби болот тура, тиги дүйнөдө да бөлүнүшөт чыгаар, бул дүйнөдөгү күнөөсүн кечтим!

- Азамат, карындашым, адамгерчилигиңе, кең пейилдүүлүгүңө, ылайым кем болбо.

- Рахмат, аке, сиздин да бизге жасаган жакшылыгыңызга.

***

Улам чоңойгон сайын Перизат балага түшө калып, эбедейи эзилип кетчү болду. Бакыт өз канынан жаралбаса да Уланды өз баласындай көрүп: "Бала төрөп бер", - дегенди унутту. Үйдө болгонунда колунан түшүрбөйт. Жашоолору да өз нугу менен өтүп жатты. Кубат менен жашап жүргөндөгү күндөрүн көңүлсүз өткөргөндөй, Перизат азыр өзүн бактылуу сезет. Негедир эми-эми гана бала жөнүндө ойлоп калчу болду: "Өзүм төрөгөндө мындан да жакшы болмок экен. Балким, мен такыр төрөбөстүрмүн, мейли, Уланым бактылуу болсо, аман жүрсө болду", - деп ойлоп алат.

Кубат жумуштары менен шаарга келип, көчө боюнан дагы Мээримди көрүп калды. Жетип эле карыдан алды:

- Мээрим!

- Оо-ой Кубат, сен кайдан?

- Шаарга келгем, өзүң кандай, айтчы деги, денсоолугуң жакшыбы? Өңүң азып калыптыр…

- Баары эле жакшы, Кубат. Баары жакшы, балдар чоңойду, окуп жатышат, - Муңайым жылмая Кубатты карады, - Апаң кандай, жакшы жүрөбү?

- Жакшы, бир аз ооруп атат, - ойлуу Мээримдин колун кармалай сүйлөп келатканда алды жазынан Перизат коляска сүйрөп чыга калды эле, Кубат аны жалт карап алды: "Төрөп алган го, баягыдай эле чырайылуу экен, күйөөсү катуу сүйүп, жакшы карайт окшойт", - деп ойлоп, Мээрим менен катар басып баратып улам артын кылчак-кылчак карап коюп жатты. Перизат болсо анын жанындагы Мээримди көрүп: "Баягы сүрөттөгү ушул болсо керек", - деп карап коюп кетип атты. Мээрим Кубаттын артына кылчактаганынан улам:

- Кубат, сага эмне болду? - деп токтой калып сурады.

- Мм.. мм.. Тээтиги менин аялым болчу, төрөбөй калган эле, азыр бала алып жүрөт, төрөп алган го? - деп оюндагысын айтты.

- Аа-аа, төрөгөндүр да.

- Мээрим, эгер оор болбосо, бир сөз сурайынбы?

- Сура, эмнеге болбосун.

- Күйөөң жакшы болуп калдыбы?

- Кубат… - Мээрим эмне дээрин билбей, кызык абалда калды. - Кубат… күйөөм беш жыл мурун каза болуп калган, азыр балдарым менен бактылуумун. Өлүмгө арга жок экен…

- Кечирип кой, билбей эле сурап алыпмын.

- Эчтеке эмес, билбеген адам уу ичет деген…

- Жүрү, бир жерден тамактаналы, - Кубат шашкалактай колдон алды, - жүрү, кеч болсо да көңүл айтайын.

- Койсоңчу, Кубат, тим эле койчу. Өзүм шашылыш элем, жолуңдан калбай эле койчу.

- Оой кокуй күн, ошо кантип болсун? Мага сен үчүн корогон убакыт алтындан баалуу: сенин жаныңда күн чыгып, кеч киргенче, түн кирип, таң атканча болсом да жумушумдун калганына кайылмын!

- Андай дебе, Кубат, эми биз жаш эмеспиз. Мени бирөөлөр көрүп калса ушак кылышпасын.

- Асылым менин! Ушундай асылзаада аял менен жашап өткөн күйөөңдө арман деле жоктур…

- Ал эмне дегениң.. Жаңы эле кыркка чыккан болчу, жаман болду, Кубат. Ажалга арга жок тура, тирүү жан жашай берет экенбиз.

- Кечирчи, жаным, мына мени көрчү, кырктан аштым, аялым же балам жок. Апам менин үйлөнүп балалуу болушумду күтүп жатып карып кетти, жок дегенде келиндин чайын ичип өлсөм болот эле деп жүрүп убайым тартып кейигенин көрсөм кээде үйлөнүп алгым келет, аялым менен ажырашканыма он жыл болду, мен али бойдокмун..

- Кубат, кары кишини көп убайымга салбай үйлөн да.

- Кайдан, бойдок өтөт окшойм го…

- Ошо кантип болсун, Кубат, үйлөн, тагдырга баш ийип жашабасак болбойт, мен эми кетейин…

- Мени менен такыр эле сүйлөшкүң келбей калдыбы, Мээрим? А мен сени көргөндө баягыдай эле жанымдан карыш жылдыргым келбейт.

- Жок сөздү айтпачы, Кубат, мен барышым керек…

- Мейли, мен сени узатып койойун, - деп Мээримди жандай басты эле, ал жылмая карап:

- Кубат, машина бар, мен өзүм эле… - деп ачкычын колуна ала жол боюндагы машинанын жанына келгенде Кубат андан калгысы келбей:

- Баары бир кошо барам! - деп машинанын арткы орунуна жоопсуз эле отуруп алды. Мээрим эч нерсе дебей машиналардын кымгуут агымында зыпылдата айтап жөнөдү. "Машинаны айдаганды үйрөнүп алган экен", - деп ойлоп алды Кубат.

Бат эле клиниканын жанына келип жетишти. "Үйбүлөлүк дарыгер", деген эки кабат оорукананын жанына токтотуп, машинадан түшкөн Мээрим Кубатка жалдырай карап:

- Мына, келип калдык, - деди.

- Жакшы, мен кубанычтамын, - деген Кубат аны жандай басып оорукананын ичине киришти. Мээрим кирип баратканда оорукананын жумушчулары алдынан чыгып, ага салам берип жатышты. Аңгыча Мээрим "Оорукананын башкы дарыгери" деген эшикти ачып кирди.

- Кубат, мына көрүп алдың, келип тур. Биз мындан ары жакшы достордонбуз, бири бирибизге жардам берип турушубуз керек. Эгер бир нерсе керек болсо ачык эле келип айтып, жардам сурап тур! - деди ордуна отуруп жатып.

- Рахмат, Мээрим, мага жардамдын кереги жок, болгону жүрөк оорумдан айыктырсаң болду.

- Кубат, убакыт өтүп баратат, сени күтүп отурбайт. Жаштык өттү, чачтарды бубак аралай баштады… - Мээрим улутунуп алды, - Кырк жаш деле оңой эмес экен, кечээ эле секелектей секирген жапжаш элек, арадан өткөн жылдар улгайганыбызга күбө болуп турбайбы.

- Мээрим, мен сени кечээ эле үйүңө узатып, азыр кайра тосуп алгандай болуп турам, мен үчүн сен дайым жапжаш, дайым сулуу, секелексиң!

- Кубат, - Мээрим эшикти карай кабатырлана унчукту, - бирөө-жарым ушул сөздү угуп калса сөз кылышат. Кой эми, өз ишиңди бүтүрүп, апаңды келиндүү кыл, айылга жөнө!

- Мейли, мен кетейин, - Кубат ойлуу кыңырыла ордунан турду, - жакшы тур, - Мээримдин жанына барып колун сунду, - жак дегенде кетээрде алдагы нур төгүлгөн жүзүңдөн бир өөп койсом, уруксатпы? - жоопсуз эле эки ийнинен кош колдой кармап, эки бетинен өөп алды.

- Жакшы бар… - Мээрим ага тоскоолдук кыла албады, кой деп түртпөдү: "Аттиң, дүйнө ай, ушул жытты, ушул карылуу колдорун, жалындуу жүрөктүн илебин күнү-түнү сагынып, эңсеп келбедим беле?" - деп ичтен көк түтүн болуп түтөн турду. Кубат чыгып кетти. Турган ордунда канчага тура берет эле, сырттан кирген медсестранын үнү аны селт эттирди.

- Мээрим Жаналиевна, бир катуу оорулуу келиптир, кирсинби?

- Аа-аа, мейли, киргизе бер! - Мээрим ошондо сезди көзүнөн жаш куюлуп жатканын. Уяла ары карап, жүзаарчы менен аарчый оңдонуп отуруп калды. Аңгыча бет алдына улгайган аял келип отуруп:

- Кызым, жүрөгүм эле ооруп… - деп столду таяна кыйналып тургандай демигип алды.

- Азыр… - Мээрим анын жанына келип тыңшагычын ала коюп, - Сиз бул жерге жатып, көкүрөгүңүздү ачыңызчы! - деди. Аял канчалык улгайса да жүзүнөн сулуулугу кетпептир, ажарлуу экени көрүнүп турат: "Көп ойлонот экен, эмне мынча күйүтү бар болду экен?" - деп адегенде тамырын кармап, анан көйнөгүн түрүп жүрөгүн тыңшап көрүп жатып, - сизге тынчтык керек, ооруканага жатканыңыз дурус го, - деди.

- Айланайын кызым, жанымды кыйнаган оорудан айыксам эле болду, айтканыңды кылам, - деди аял.

- Баары жакшы болот, эже, сиз эч нерсени ойлонбой, дарыланып жатканда өзүңүздү эркин кармаңыз, - деп жылмайып койду.

- Кызым, бул канча жылдан бери келаткан санаа, улгайсам да жүрөгүмдү мыжыгып келатат… - деп аял үшкүрүп койду.

- Эмне үчүн, эже, ошончолук эле…

- Ооба… - ойлуу, - бул узак окуя, кызым. Айтууга да оозум барбайт, барган менен күчүм жетпейт…

- Болуптур, эже, азыр сизди палатага жаткырышат. Тынч жатып укол алыңыз, эки-үч күн дарылансаңыз жакшы болуп калсаңыз, анан сүйлөшөбүз, - Мээрим оорулуу аялды жубата жылмайып койду.

Мээрим өз жумушун так аткарып, оорулуулар менен тил табышып, жумшак колдору, мээримдүү мамилеси менен элдин оорусуна дабаа болуп, эчен алкыштарга татыктуу болду. Арадан он күн өткөндө Мээрим жүрөгү ооруган аялды көргөнү келди эле, ал кубана тосуп алды:

- Кел кызым, алтын колдуум! Денсоолугум жакшы болуп, тим эле секирип калдым, эми силерге жүк болбой, уруксат берсең кетейин.

- Жүрөгүңүз оорубай калдыбы?

- Жакшы, тим эле куландан соо болуп калдым.

- Балдарыңыз келип алып кетеби, же өзүңүз эле кете бересизби?

- Аа-аа садага, кайдагы бала, - шуу үшкүрүп, жер карап отуруп калды. Мээрим өзүнүн олдоксон суроосуна уяла: "Ка-ап, сурабай эле койсом болмок экен, жүрөгүн оорутуп алдым окшойт", - деп ойлоп, жанына басып барды:

- Кечирип коюңуз, бүгүн биздин үйгө барып конок болуңуз, анан туугандарыңыздын үйүнө жеткирип койойун.

- Рахмат, кызым, барса барайын… - деген аял андан ары эч нерсе айтпай отуруп калды, жүзүндө муңаюу пайда болуп, сарсанаа тартканы сезилип турат. Мээрим баарын байкап: "Балдары же туугандары жок окшойт, эгер макул болсо, мага караан деле болот, үйдө жүрө бер деп айтайын", - деп ойлоп, жанына отургузуп алып кетти. Келгенде үйүндө балдары келип тамагын жасап күтүп отурушкан эле.

- Апа, келдиңизби, мына неге кеч калдыңыз? - Актан апасынын бетинен өөп, колундагысын ала койду. Дарбазасын жаап келген Арслан да апасына эркелей өөп, колтуктай үйгө кирди.

- Уулум, учураш апа менен, бүгүн бизде конок болот, - деп эки уулуна жылмая карап: "Жакшылап учурашкыла", - дегендей башын энени көздөй жаңсап койду.

- Жакшысызбы эне, аман-эсен жүрөсүзбү? - Актан чоочун аялды колтуктай үйгө жетеледи, анын бир жагынан Арслан да колтуктай:

- Саламатсызбы, эне, жакшы келдиңизби? - деп үйгө кирип келишти. Анткен менен эки бала тең эле: "Бул ким болду экен, апамдын же атамдын туугандарын таанычу элек", - деп өз ичтеринен ойлогону менен , сыртынан сурашпады. Столго тегеректешип, бир үйбүлөдөй отуруп тамактанышты.

- Эже, атыңыз ким? - Мээрим чоочун аялга мээримдүү карап сурады. Историясынан атын окуганы менен, сурап койду.

- Гүлкайыр. Жөн эле Кайыр эже десең болот, кызым.

- Жакшы атыңыз бар экен, жакындан таанышып алганыбыз оң эмеспи. Жакшы атты ата-эне кубанып, сүйүнүп-сүрдүгүп, наристелүү болгондо тандап атып коюшат экен. Баланын келечегин, бак-таалайын тилешет экен. бирок тагдырдын пешенеге кандай жазганын билбейт тура, - эне умсуна, оор күрсүнүп улутунуп алды.

- Ошону айтсаңыз. Жараткан алла деги балдарга түгөнбөгөн ырыскы, береке, өмүр жаш берсе экен, - Мээрим эки уулун алмак-салмак карап, кабак бүркөй кабатырланып турганы билинип жатты.

- Айланайын кызым, атыңа жараша жаркылдаган мээримдүү жан экенсиң, ылайым кем болбо, айланайын! - Кайыр эне бата кылганда дасторкон жыйылды. Мээрим балдарын өз бөлмөлөрүнө жиберип, Кайыр энеге өзүнүн жанына төшөк салып берди. Терезеден түшкөн айдын шооласы экөөнө тийип, бөлмөнүн ичи салкын тартып, ого бетер күңүрттөнүп кооз көрүнүп, экөө эки башка ой менен алпурушуп жатты: "Гүлкайыр… демек атына заты жарашып, убагында далай жигиттердин жүрөгүнө чок салган экен.. Кандай тагдыры, табышмактуу сыры бар болду экен?" - деген Мээрим ары-бери оодарыла уйкусу келбей түйшөлө берди.

"Капырай, дегеле мээримдүү, боорукер жан экен, мени үйүнө алып келип тамактандырып, аппак шейшепке жаткырып сыйлаганын кара. Аттиң, ушундай бир кыздуу болуп калганымда не арман!" - деген Гүлкайыр да оодарыла берип, шуу эттире үшкүрүп алганын сезбей калды.

- Эже, уктай элексизби?

- Жок, кызым, кайдагы уйку дейсиң. Мындай түндөрдүн эчени уйкусуз өттө го…

- Эже… - Мээрим бир нерсе сурагысы келген менен, көңүлүн оорутуп аламбы дегендей такалып туруп калды.

- Оов, айта кой, айланайын.

- Менин дагы уйкум келбей атат, сүйлөшүп жатсакпы дейин дегем.

- Макул, - ойлуу бир аз терезеден түшкөн айдын жарыгын карап жатып, - Мен жөнүндө билгиң келип жатат окшойт. Өзүм да өмүр бою ичимдеги сырымды бир адамга айтып берип жеңилдесем деп жүргөн элем, эми уга турган адамга айтып бербесем болбостур… - Гүлкайыр ордунан козголуп отурду, - Анда мен эч нерсени сезбеген, дүйнөдө жалгыз сулуу өзүм гана деп так секирип эч кимди теңиме албаган эрке кыз элем… - сөзүн баштаарда дагы улутунуп алды…

Бир үйдө бир эркек, бир кыз болуп, ата-энебиздин карегиндей сактаган эрке өстүк. Чоңойо түшкөндөн эле өзүмдү башкалардан өйдө сезип, теңтуш кыздарымды кемсинтип, такыр курбу күтпөдүм. Айылыбыздагы, мектептеги балдардын баары эле мага тийишип, кат жазып үйгө чейин келишет. Агамдын кыялы өтө оор эле, мага келген балдарды кубалап, кээсин сабап салчу…

Ошондой күндөрдүн биринде айылыбызда эле жашаган, улуту кашкар Ахунжан деген менден он жаш улуу, аскерден келген жигит мени күнү-түнү акмалап калды. Негедир ал өзү дагы мага жагып калгандай, мен да аны көргүм келчү болду...

Бактысы да, шору да, арманы да ушул Ахунжанга байланыштуу экенин ал кезде кыз шордуу кайдан билсин..

Мектепте окуп жүргөндө бул дүйнөдө жазгыз апасы менен бир тууганы Жанарбектен башка эч кимди угуп да, тоотуп да койбогон эрке кыз жигит дегенди, сүйүүнү түшүнчү эмес, ошол Ахунжанды көргөндөн баштап жандүйнөсүнө дүрбөлөң түшүп, негедир аны көрбөсө тура албай калчу болду.

Бир күнү эшикке чыкса короонун оозунда Ахунжандын турганын көрүп уялып кетти.

- Кайыр, мен сага келдим эле, бир мүнөткө келе аласыңбы? - деп жылмая суранды.

- Аа-аа.. кошуналар.. акем көрсө уят ко, жөн-жай элеби? Апам дагы үйдө эле…

- Жөн-жай эле, мен сени менен сүйлөшсөм дедим эле…

- Эмнени сүйлөшмөк элеңиз? - билип турса да билмексен болчу кыздардын кыялына салды.

- Мм.. мен сени сүйөөрүмдү айтсамбы дегем.

- Сүйөөрүмдү?! - Гүлкайыр бетин баса ары карады, - кызыксыз го, сүйүү дегенди билбейт экемин, - наздана жер карап ары басып кирип кетти.

- Гүлкайыр, Гүлкайыр! - деген Ахунжан короонун оозунда кала берди. Ал эми Гүлкайыр үйгө кирип алып терезеден аны карап толкунданып, жүрөгү элеп-желеп болуп жатты. Кыялданып, улам терезеден Ахунжандын дале кетпей турганын көрүп тура берди. Көптөн кийин ал түңүлгөндөй ары басып кетти.

"Сүйүү, сүйүү ушундай болот тура, мен дагы аны сүйүп калган окшойм, неге эле көргүм келет дейм да, ал мени сүйөт тура…", - деп жатып алып да, туруп да ойлой берди курган кыз. Ушул учурда апасы анын бөлмөсүнө кирип келди:

- Кызым, тиги кашкар Кадырахундун баласы неге келип жүрөт? - кабатырлана сурады.

- Аа-аа.. апа, неге келгенин билбейм.. - уурулугу кармалып калгандай апасынын сөзүнөн улам жүзү кызарып кетти.

- Экинчи биздин короонун айланасынан көрүнбөсүн, эл көрсө ушак кылат, сен чоңойуп, көзгө көрүнүп калдың кызым, сак бол. Акең көрүп калса…

- Акем неге… - сөз табалбай шашып калды, - акем не кылмак эле, жөн эле келген адамга…

- Жөн эмес, сен бой жеттиң, сага көз салып калган болуп жүрбөсүн.. Кашкарларга келин болгону жүрөсүңбү же?..

- Жок, апа, кайдагыны айтасыз?

- Жүрөгүм бир нерсени сезгендей опкоолжучу болду, кызым. Сенин тагдырыңдан корком, көргөндүн көзүнөн сактаса экен, ашыкча ажарлуусуң, кызым, кудай сактасын! - Эне кайра күбүрөнгөн бойдон чыгып кетти. "Апам кызык, кашкарлар эмне, адам эмес бекен? Эгер өзүм сүйүп калсам… - ойлонуп ары-бери басты, - сүйүп калсам анда тоскоолдук кылгандарына карабаймын, Ахунжанга тийемин!" - деп ойлогон Гүлкайыр тескери карап жатып алды. Эртеси, анын эртеси да аны мектепке баратканда Ахунжан тосуп алып мектебине чейин жеткирип, алар тараганда үйүнө кайра узатат. Бара-бара бири бирин көрбөсө туралбай турган абалга жетти. Дал ошол жылы Ахунжандын ата-энеси өздөрүнүн жерине көчүп кетти. Гүлкайыр анын кетип жатканын угуп кайра кайрылып көрбөөчүдөй мойнуна асылып алып ыйлап:

- Ахун, сен эми келбейсиңби, мен кантем? Сагынамын го, сен болсо аяктан башка кыздарды таап аласың… - деди.

- Кайыр жаным, мен сөзсүз сен окуудан тараганда келем, сен мени күт. Уйгурлардын арасында сен жок мен дагы зеригем, кыз көп. Кайы-ыр, сүйүү деген бир адамга гана багышталчу сезим, мен сени сүйөм, жүрөгүм жалгыз сен деп согооруна ишенчи!

- Ишендим, мен дагы жалгыз өзүңдөн башканы сүйбөйм. Өмүрүмдү сенсиз элестете албайм, тез кел, эгер макул десең, азыр эле сени менен кетүүгө даярмын! - Гүлкайыр жигиттин төшүнө башын жөлөп, кучактап алды.

- Азыр болбойт, биз адегенде орун алып алалы, анан сени келип алып кетем. Гүлкайыр, мени күтүп калышпасын, эртерээк барайын, кечикпейин. Кош алтыным, көрүшкөнчө! - Ахунжан кызды өөп койду, - Мени күтөсүңбү? - кыздын көздөрүнө тике карады.

- Ооба, өмүрүм өткөнчө күтөм. Келбесең так өтүүгө даярмын! - Сууктун күчүнөн эки бетинин тызылдаганына карабай тура берди.

- Рахмат, жаным, сени көп зарыктырбай эле келип калам, кош бол! - Ахунжан ылдамдай басып, көчөлөрдү аралай көрүнбөй калды. Турган ордуна көпкө турган кызын көргөн эне наалып кирди:

- Бу кашкардын уулу сенин башыңды айландырып алган го, - колун шилтей кызынын мелтиреп жолду карап турганына жини келип кайра ары басты, - Ошолордун кеткени да жакшы болду.

Гүлкайыр үндөбөдү, апасынын сөзүнө жини келди ,азыр ушу өзүн алпештеп өстүргөн аппак чач аялды жек көрө карап алды: "Кеткени силерге жакшы болду, а мага бүт дүйнө аңтарылып, караңгылык каптагандай жолдон адашып, арып-азган кайырчы өңдөнүп эки ача жолдун ортосунда не кылаарымды билбей турамын, сезсеңерчи ошону!" - деп ийиндери солкулдай ыйлай берди.

Убакыт билинбей өтүп, жаркыраган жаз келип, өрүктөр гүлдөп айлананы көркүнө чыгарып, жаздын жыпар жыттуу гүлдөрү жарпыңды жазаар убак эле. Гүлкайырдын тестиер иниси жүгүрүп келди:

- Гүлкайыр эже, сизге муну Ахунжан аке берди, - деди да кайра чуркап кетти.

- Оой, Ахунжанбы, ал келиптирби? - деген Гүлкайырдын сөзүн уккан да жок. Шашып-бушуп кагазды ачкан кыз кубанычы койнуна батпай окуй да берди, ыйлай да берди: "Асылым Гүлкайыр, окууларың жакшыбы, денсоолугуң таза, аман-эсен жүрөсүңбү? Сени менен коштошуп кеткен күндөн бери арадан алты ай өтсө да мен үчүн эчен жылдар өтүп кеткендей саргайып ушул сага жолукчу күнгө жетүү мен үчүн кыйын болду. Адыр-түздөн гүл көрсөм сени эстейм, анан калса биз жашаган жерде апаппак гүлкайырлар көп өсөт экен, ар күнү гүлдү көргөн сайын сенин жадыраган апакай жүзүңдү, капкара узун кирпиктүү көздөрүңдү көз алдыма келтирип, ошол жапайы гүлкайыр менен сүйлөшүү мен үчүн адатка айланган. Түшүмө көп киресиң, ар дайым жанымда жүрөсүң, ойгонсом жалгыз уктап жаткан болом. Гүлкайыр, менин гүлүм, Кайырым, бүгүн менин сага кездешээр күнүм, күткөн саатым келди. Баягы-баягы, экөөбүз жолукчу өрүкзардан көз байланганда күтөм.

Сүйгөнүң Ахунжан. 15.05.".

Катты окуган кыздын тынчы кетип, кечтин киришин күтүп көңүлү тынчыбай: "Балким кайра кетер, анда мен канттим? Жок-жок, ал кетсе эми сөзсүз кошо кетем!" - деп ойлонуп кеч кирип, айланага үрүл-бүрүл караңгы киргенде эле шашыла бакты көздөй жөнөдү. Алыстан эле өзүнө тааныш караанды издеп, ар бир бактын түбүн карап, элеңдей келе жатты. Өздөрү турчу бак дүпүйүп бүрдөгөн, жалбырактары самсаалап, болоор-болбос желге желбирейт. Гүлкайыр эми жетип аралап келе жатканда артынан Ахунжан көзүн басып калды:

- Күзгүбү же таракпы?

- Аку-ун! - Кыз кучагын жайа жигитке умтулду, - качан келдиң?

- Бүгүн эле келдим, анан сага жолугуп отурам, алтыным десе, сагындыңбы?

- Аябай! Сенчи, сен дагы мени сагындыңбы? - Эркелей кетти.

- Ананчы, көргүм келгенде сага учуп жетким келип, жете албай араң жүрдүм.

- Эми кайра кетесиңби?

- Ооба, бул жерде эч кимибиз жок… - бирдеме айтчудай кызды белинен кучактай ойлуу тигилди, - Окууңдун бүтүшүнө бир ай калды, ээ?

- Калса кала берсин, эми сенден калбайм, кетсең кошо кетем!

- Алтыным десе, анда эмнеге токтойбуз, давай эртең эле кетип калабыз.

- Макул, мен даярмын! - Эки жаш келечегинин кандай жолго бурулаарын сезишпей, алоолонгон жаштыктын деминен, махабаттын майтарылгыс күчүнөн, кайра тарткыс, жалтанбас өжөрлүктүн деми менен турмуш аттуу табышмактуу жашоо жолуна аттанууга даяр болуп, эртеси жолугушчу жерди, убакытты болжоп, үйгө кайтышты. Элеп-желеп болгон кыз үйгө келгенден кийин түнү менен жуунуп-таранып, кийимдерин даярдап жолго камынып жатты. Гүлкайырдын экзаменге даярданбай жуунуп жатканын көргөн апасы жөн салды сурап койду:

- Кызым, эртең экзамен болобу, сабагыңды окубайсыңбы, жуунганга күндүзү деле жетишсең болот ко?

- Апа, экзаменге даярданып койгом, жуунуп, эртең кийип барчу кийимдеримди үтүктөп алайын… - Сыр билгизбей жооп берип коюп ойлонуп жатты: "Кийимдеримди кантип алып кетем? Апам көрүп калса эмне дейт? Анда чыгарбай койот да", - деп ойлонгондо Ахунжанын экинчи көрбөй калчудай жүрөгү опкоолжуп кетти да: "Иий, таптым! Короонун тиги бурчуна коюп койом да, мектепке деп чыгып, кайра келип акырын алып кетип калам", - деп ойлонуп сүйүнүп кетти. Ойлогон ойу ордунан чыгып, эртең менен эрте туруп үйдөн чыгып баратканда Шарипа эне көрүп:

- Ботом, мынча эрте эмне кетип жатасың, мугалимдер эрте келбейт чыгаар, бир аздан кийин чыксаң болбойбу, - деп эч нерседен капары жок эле: "Мынча эрте турчу эмес эле, бүгүн экзамени эрте башталат окшойт", - деген ойдо кала берди.

- Апа, бүгүн эртерээк келгиле деген, үйгө кире бериңиз, - деген Гүлкайыр жүгүрүп чыгып кетти. Көчөгө чыгаары менен артын карап алып: "Оо кудай жалгагыр, апам карабаптыр", - деди да, түндө бекиткен кичинекей баштыктагы кийимин алып жолго түштү. Ал келгенде Ахунжан аны чыдамсыздык менен күтүп турган экен. Дароо эле сагынышкан эки жаш ысык кучакташып өбүшүп алышты да, Жалалабатка кетчү автобуска түшүп жөнөп кетишти.

Кадыракун менен Мистекан алар келгенде анча сүйүнүшпөдү, чекеси жарыла жакшы маанай менен тосуп алышпады. Ал тургай уулун жекире караган атасы:

- Бу сен катын аларыңды айткан жок элең го, үйдөн да айтпай кетипсиң - экөөңөр качып келдиңерби? - деди каарый.

- Ата, мен Гүлкайырды сүйөм, аны ала кача тургандар көп экен, анан… анан алып качтым.

- Эмитен аял алганды сага ким койду ыя? Азыр мен келин албайм, кайда алып барсаң ошоякка алып бар, мен башка кыз алып бермекмин, болбосо автобуска салып үйүнө эле жөнөт! - Мистекан бир жактан чыкты, - Азыркы кыздар эркекти ээрчип кете бергенин кантесиң, ылайыкка карап, кеңешип, анан алат катын дегенди!

- Апа, ал эмне дегениңер, мен өзүм каалаганымды алам, өз сүйгөнүмө үйлөнөм да, өзү ээрчибей эле мен алып келдим!

- Тигини, тигини-ии, мен алып келдим деп, - энеси ары басып кетти, - жылтыраган өңүнө кызыккан да!

Гүлкайырдын элеп-желеп болуп лакылдаган жүрөгү канап: "Мейли, ата-энеси менен жашамак белем, Ахунжаным эле жанымда болсо болду", - деп толгото кыялданып, келген ойлору самандай саргарган санаага айланып, таштай катып, башын өйдө көтөрө албай турду. Ошол бойдон алар эч нерсе дебеди, ырымы кылып башына жоолук салып нике да кыйбады, экөө бир бөлмөгө кирип алышып же сүйлөй турган сөздөрү жок дудуктай болуп отуруп калышты. Бир маалда Ахунжан Гүлкайырдын жанына коомай отуруп күнөөлүүдөй унчукту:

- Гүлкайыр, кечирип кой, мен ата-энемден мындайды күткөн эмесмин, баары бир баласынан кечип коймок беле, түшүнүшөт да, бир аз чыда ээ, чыдайсыңбы?

- Ахунжан, мен сен үчүн келгем, ата-энеңе таарынып болбойт, алар кандай айтса жарашат, күнөө экөөбүздө экени ырас, кеңешпедик, айтпадык… - Гүлкайыр томсоргон бойдон үн катты, - Менин агам менен апам эмне болуп жатышат болду экен, жалгыз кызынан тирүүлөй ажыраганга чыдаар бекен…

- Коркпочу жаным, булар баарына түшүнүп, сени келин кылып жоолук салгандан кийин өзүбүз барып келебиз, - деп Ахунжан жубатып жатты.

- Чыдайм, сүйүүбүз үчүн, сенин мен деген жүрөгүң үчүн чыдайм.

Тагдырдын пешенеге жазганын көтөрбөскө пенденин аргасы жок, тирүүлүктүн түмөн түйшүгү ошентип Гүлкайырдын башына түштү. Алты айга чейин бир үйдө жашаган менен экөөнү баш коштуруп койууну ойлошподу. Мистекандын аны каарыганы каарыган.

- Ай, эрге тийем деп ээрчип келгенди билген иш кылганды да билет, тур тиги уйканадагы бокту дубалга чаптап кой, тезек болуп калсын, андан кийин кибиреп жүрө бербей кир жуу!

- Макул апа… - Гүлкайыр башындагы жоолугун оңдонуп алып уйдун богун чаптаганга жөнөдү, Ахунжан таң эрте жумушка кетет, эки көзү короонун оозунан өтүп аны күтүп керээли кечке жаны тынбайт. Бир күнү эми колу бошоп отура калайын дегиче Мистекан көрө калып кыйкырды:

- Дегеле жаш туруп отура калганын, чарчап кеткенсип! Тур, эриң келгенче тамак жасай гой, анан уй саайсың! - Ушул учурда кирип келаткан Ахунжан апасына карай:

- Эриң дегидей нике кыйдырып койнума салып койдуңарбы, жакшы эле өздөрү билээр, өз баласын жеримек беле деп чыдап отурам, күтүп жүрөм, ал деле бирөөнүн баласы го, азыр кетсе кете берет, экөөбүз тең таптаза бойдонбуз, ушунча убакыттан бери экөөбүз эки башка жатып атабыз! - деп койо берди.

- Омээй өлүгүңдү көрөйүн десе, эмне дейт ой мынабу! Күнү-түнү кулагына куя берип ата-энеге тил кайтара турган кылып башын имерип алган го ыя?

- Башымды имерип алгыдай мен мал белем, болгону бири бирибизди сүйөбүз!

- Сүйгүчүлүн! Сүйүү-мүйүүсү жок эле жашап силерди тапканбыз!

- Токто! - Кадыракун аялына колун көтөрө басты, - ырас айтат уулум, уят! Колу-коңшу деле ушак айың кылып атыптыр, эртең нике кыйдырып той өткөрөлү, келинге бир сыйра кийим алып кийгиз! - деди чарпаяга отура кетип.

- Мм де, уулуңдун жасаганына макул экенсиң да, мен бу сетерди эптеп кетирейин деп жатса…

- Кетпейт, ал кетсе мен кошо кетем, экинчи кайрылып келгис болуп кетем! - Ахунжан Гүлкайырга карады, - Үйгө кирип киймиңди кийип чык, достор чакырып жатышат, ансыз да чүнчүп кеттиң. - Гүлкайыр Ахунжанды бир, Мистеканды бир карап туруп калды эле Ахунжан ага, - Бол эрте, менин бул үйдө бир мүнөт да тургум келбей калды, кеттик! - деди эле Мистекан:

- Омээй де! Муну карасаң ай атасы, таптакыр экөөбүздү тоготпой калган го, бирдеме дейсиңби, - күйөөсүн карап туталана кетти.

- Мейли, жаштар эмеспи, жайына кой, көп эле балдарга жаман көрүнбөй, - Гүлкайырга карады, - Бара гой кызым, барып келгиле!

Ахунжан менен Гүлкайыр кеткенден кийин Мистекан өзүнчө эбиреп-жебиреп жатты:

- Дегеле ушуну келин кыла турган оюм жок, көөнүмө жакпайт, эркекти кайсы кудай урган кыз ээрчип кетчү эле?

- Болду токтот, өзүң да бир кезде мени сүйөм деп бура бастырбай жүрүп тийбедиң беле, эми эле момун болуп калбай.

- Эмне, сен мени сүйгөн жок белең? Сүйсөм кадыр-барк, каада-салт менен тийгем!

- Болуптур эми, жаштык башыңдан өткөндөн кийин буларды түшүнүшүң керек эле да.

- Түшүндүм, деги жанымды койчу, эмне кылалы дейсиң?

- Эртең келинди бир сыйра кийинт, колу-коңшуну чакырып ырымын жасап нике кыйдырып койолу, балаң экөө тең ыймандуу экен, ушул убакка чейин бизден тартынып чогуу боло алышпай күтүп жүрүшөт.

- Ошентсе ошентели, - Мистекан аргасыз макул болгонун билгизген менен ичинен Гүлкайырды жактырбаганы белгилүү эле.

Гүлкайырдын жүрөгү "зырп" этип: "Бекер кылган экемин, ушундан көрө күтүп, өмүр бою гүлдөй соолуп калганча энемдин төрүндө жүрө берсем болмок экен. Жаштыгым жаңылыштыгым, эми акырына чейин чыдабаска аргам жок", - деп ичтен түтөп улутуна сүйгөнү Ахунжандын кучагында кетип баратты. Ахунжан: "кабыл алса алсын, болбосо Гүлкайырды жетелеп алып кайда болсо да кетип калам, эне-атам түшүнбөсө баарына кайылмын", - деп ал дагы өз ою менен алпурушуп баратты. Көңүлсүз өткөн күндөр канчалык кыска болсо да узактай сезилип, ар бир мүнөттөрдү муңайым, суз өткөрүп, жашоодон тажагандай болсо да жанында кучагына кыскан ууз сүйүүсү аны алаксытып алдыга, жашоого үндөп тургансыйт.

Кадыракун айтканындай эле ошол жумада экөөн баш коштуруп, күткөн бактылуу мүнөттөрдү тартуулады. Жеринде шайыр, мүнөзү ачык кыз бара тез токтолуп оор мүнөздүү, ойчул болуп кетти. Күндүзү жаны тынбайт, кайнене ага уу тилдерин агытканын токтотподу. Отура калганын байкар менен ачууланып кирет:

- Дегеле жаш туруп, мынча жалкоосуң, энең эчтеке жасатып көрбөгөнбү? Эрге тийе турган кыз баарын билет, - деп алкылдайт да турат. Гүлжамалда тил кайруу ток, кээде көз жашын сыгып алат да кыбырап жүрө берет. Өзүн өзү карай албай жүдөп да кетти, колдору кесилип, беттери туурулуп өңдөн азды. Баягы энесине эркелеп өз билгенин жасачу шайыр кыздын ордуна көптү көрүп дасыккан аялдардай ойлонуп иш кылчу токтоо келин болду. Канчалык жүрөгү эзилип түнөрүп келген добул сыяктуу чарт-чурт этип, мөлтүлдөгөн жашын кулатып алып моокумдан чыгып алгысы келет, бирок шамал айдап тоо тарап менен өтүп кеткен өткүн анын ички дүйнөсүндө удургуп барып токтойт: "Ушул күндөр да өтүп кетээр, Ахунжан аман болсо жашообуз ордунда болоор, менин да жазгы гүлдөй жайнап ачылаар кезим келээр", - деп өзүн өзү алаксытып алат.

Арадан бир жыл өткөндө кош бойлуу болуп калды. Врачтарга көрүнсө: "Жүрөгүң начар, төрөгөнгө болбойт, алдырбасаң болбойт", - деп туруп алды. Ахунжанга айтпай: "Эптеп төрөп алаармын, балалуу болуп алсак бөлүнүп кетсек баары артта калат", - деп ойлоп жүргөндө алардын үйүнө кош бойлуу аялдарды карачу акушерка келип кайненеси менен сүйлөшүп отурду, Гүлкайыр кыйналгансып уйкусу келгенинен уктап калган эле. Ойгонуп эшикке чыгып келе жатып аларды көрүп босогого боюн жашырып калды:

- Сиздерге айткан жок беле, атайы врач жиберди мени, чоңойо электе алдырбаса өзүнө зыян болот, келиниңиз төрөй албайт, жүрөгү өтө начар экен, өзүнө жаман болот.

- Оо кокуй күн, эч нерсе айткан жок, өзүнөн сурайынчы. Ботом, жандап кечкен эме го? -деген Мистекан ичтен кубанып алды: "кудай буйруса төрөй албаганын шылтоо кылып кетирип ийейин", - деген ойдо, - алдырса алдырып салсын. Жаш эмеспи, төрөп алаар, дарыланып ден-соолугун чыңдап алсын, - Мистекан сыртынан келинине чын ниетинен боору ооругандай болгон менен ичинен: "Эми сага көрсөтпөсөмбү, эптеп ичиндегини алдырса анан шылтоолоп кетирип жиберем", - деген ойдо акушеркага жылмая карап, - ботом, өзүңөр айтпасаңар ал келин бизге айтмак эмес. Төрөп алам деп ойлоп жүрүп бир балээнин ичинен чыкпасын, ушундайда алдырып салалы, - деп илбериңки ордунан тура калып нан ооз тийгизди да, узатып коюп Гүлкайыр жаткан бөлмөгө кирди:

- Ой келин, сен эмне бизден жашырасың ыя? Сени врач балаңды алдыр деген тура, оорукчан бала төрөп Ахунжанды кыйнаганы жүрөсүңбү?

- Апа, андай эмес, жүрөгүң ооруйт экен, төрөгөнгө болбойт деп эле айткан…

- Сага айтпаса мага айтты, тезирээк алдыр, мен оорукчан неберелүү болгум келбейт! - деп чыгып баратып силкинип алды, - Ыя карасаң муну, төрөп алсам батып калам деп жүргөн го?

Гүлкайыр кайненесинин ушунчалык кайырдиндигине, боор ооруп койбогонуна, бирөө катары көрбөгөнүнө зээни кейий: "Тобо-оо, бу деги кандай аял? Кайдагы калпты айтканын кара. Балким чын эле муну алдырып коюп, дарыланып анан төрөсөм болот чыгаар", - деп ойлоп эртең врачка барып алдырууга ниеттенип турду. Улам алга сүрөгөн үмүт шооласы деле андан алыстабай, келечеги бүдөмүк болсо да тобокел кылып кечинде Ахунжан келгенде ачыгын айтууну чечти. Бирок ал ойлогондой болбой кайненеси баласы келгенде алдын тосуп барып божурап кирди:

- Балам, бу катыныңдын тил албаганы кандай, ичиндеги баласы оорукчан болуп төрөлүшү мүмкүн экен, алда качан врач өзүнө айтып алдыр дегенин айтпай жүрүптүр, - деп эбиреп жатты.

- Койчу, аны сизге ким айтты? Гүлкайыр менден эч нерсе жашырчу эмес эле…

- Ооба, ага тим эле кудайыңдай ишенип алгансың го. Акушерка келип айтып кетти, чоңойо электе алдырсын дейт.

- Врачка өзүм кошо барам, аныгын угайын, - Ахунжан үйгө кирип Гүлкайырдын жанына келди, - Гүкү, сага эмне болду, апамдын айткандарынын канчасы чын, канчасы калп?

- Акун… мени жүрөгүң оорукчан экен, төрөгөнчө болбойт дегени чын, балаң оорукчан төрөлөт деген эмес, - Гүлкайыр өксөп ыйлап ийди. Ушул азыр күндө жаай албай бүркөлүп келип ачылып кетчү жамгыр сыяктуу өкүнүчтүн жашы төгүлүп жатты.

- Макул эми, ыйлабай эле кой, эртең врачка экөөбүз чогуу баралы, эгер алар туура айткан болсо алдырыш керек, - Ахунжан ойлуу: "Байкушум ай, мен деп жашында орулуу болуп калды. Кой, муну алып башка жакка кетпесем болбойт", - деп ойлоп Гүлкайыр алдына койгон тамагын ичип алып төркү өз бөлмөсүнө өтүп эч ким менен сүйлөшпөй жатып алды.

Мистекан болсо күйөөсүнө да болгон-болбогонду айтып тажабай сүйлөй берди. Анын сырын билген Кадыракун да үн дебей отура бергенине жини келген белем, казан-аяк жууп жүргөн Гүлкайырга асылып кирди:

- Мунун төрөгөн баласы оорукчан боло турган болсо неге кармайбыз, ушундайда кетирип тынбасак болбойт, балам да ушунун айынан мени жек көрө баштады. Дарыланса деле жатынында ошондой болсо дагы оорукчан төрөйт да!

- Сен эмне эле алкынасың, ушу учурма сөздөрүңдүн айынан карыганда талаада калаар бекенсиң, - Кадыракун жактырбай ордунан туруп сыртка чыгып кетти.

- Ооба кыйраттың, менин сөздөрүм жакпай атат, акыры көрөөрсүңөр, ушу селбиреген келинден бирди көрөөрсүңөр, - деп ого бетер жулкуна күйөөсүнүн артынан чыкты, - бул биздин үйгө келгени балаа болду, эз-зели урушпаган эрди-катынды да суук көргөзүп, бул балааны кайдан да ээрчитип келе калды эле, тукумубузду буздурбай көздөн далдаа жоготпосо болбойт!

Булардын баарын угуп аткан Гүлкайырдын жүрөгү титиреп, өңү кумсарып барып жыгылып калды. Ахунжан "дүрр" эткен дабыштан чыга калса Гүлкайыр өлүктөн айырмасы жок боппоз болуп жерде жаткан экен. Көтөрүп үйгө киргизип жаткырды да, бетине суу сээп бетине алаканы менен аяр чапкылап жанында отурду. Көпкө барып араң көзүн ачкан ал:

- Эмне болду мага, идиштерди бүтө элекмин да, биерге кантип келдим? - деп козголо калып сурады.

- Тынч жата турчу, туулбаса койсун, өңүңдү карап коркуп да кеттим. Апамдын сөзүн уксаң деле көңүлүңө алба деп канча айтам.

- Акун, кантип укпай койо алам, кулагым укпаган жан болсом да бир жөн. Кой, биротоло жыйнап атамдарга төшөк салып берип койойун.

- Өзү салып жатат, экөөбүз түбөлүк эле ушулардын маңдайында жүрө берет белек, - Гүлкайырдын үстүн жаап, - сени биерден алып кетпесем өлтүрүп жаны тынат го? - Ахунжан ачуулу ары-бери басып жатты. Мурун мындай эмес болчу, кийинчерээк өзүн өзү кармай албай калган абалга жетип ачууланчу болду. Гүлкайырдын жыгылып калганын көрбөй калган Мистекан алардын бөлмөсүнө баш багып төшөктө оронуп жаткан Гүлкайырды көрө сала алкынып кирди:

- Эк кудая тобо-оо, дегеле эрсагып кантесиң, биз жата электе эринин койнуна шашканын кара, тур бизге төшөк салып бергин!

- Апа, деги уят барбы сизде, бу деле адам баласы го, мынчалык эмнеге кордойсуз? Эмеле жыгылып эс-учун жоготуп эми зорго эс алды, бүгүнчө өзүңүз салып жата берсеңиз!

- Ой-баай-ай, катынга ушунча кароо болосуңбу балам? Катын өлсө камчы сап, кайра төшөк жаңырат деп койот, анча эле эмне өзөлөнүп түшөсүң ага? -уулум жактыра бербей мурдун чүйрө сүйлөдү.

- Атам ошентсе жакшы кабыл аласызбы?

- Атаңа мен эмне кылыптырмын анча эле?

- Гүлкайырда не күнөө, баш көтөрбөй керээлден кечке кыбырап жүрөт, дале жакпайт, кызың болсо ошондо көрөт элем.

- Ай бала, катынсаактыгыңды токтот, урук-тукумубузду булгатып оорукчан бала төрөй электе тез жогот көзүмө көргөзбөй! - деп силкине чыгып кетти.

- То-обоо, өз энемдин ушундай экенин билбепмин, неге мынчалык келинге катаал жаралды экен ээ? -Ахунжан кобурана Гүлкайырдын жанына отуруп калды.

- Капа болбочу Акун, мен үчүн эне-атаңа жаман көрүнбөчү, мен акылсызды кечирчи! Мындай болгондо келмек эмесмин, өмүрүм соолугуча, чачым агарып тишим түшүп башым көргө киргиче сени жүрөгүмө катып жашай берсем болмок экен… Сага да түйшүк салып койдум… - Гүлкайырдын көзүнүн кычыктарынан аккан жаш жаздыкка таамп сиңип жатты, - Кечире көр жараткан, өз убалым өзүмө. Бар тапканым - сүйүүм, жүрөгүмдүн теңи жанымда, мен бактылуумун! - деп соолуктап жатты.

- Койчу Гүкү, менде да күнөө бар, жаштык кылдым, сени алып келээримди айтып кеңешсем болмок, сени беймаза кылган менмин. Сен өтө жаштык кылдың, эркелигиңди карматтың, ошол эркелеп өскөн бирөөнүн жалгызын мен бактысыз кылып алдым. Сен мени кечирчи, жаным. Эми сени бул жерден алып кетип, тоо гүлүндөй кулпунтуп, тоту куштай сайратып алып жүрөм деп убада берем, ишен мага?! - деп кучактай саамайынан сылап чекесинен өптү.

Эртеси эртең менен Ахунжан Гүлкайырды ээрчитип алып врачка келди. Аларды көргөн врач:

- Келдиңби кызым, туура кыласың, - деп Ахунжанга карады, - сен жолдошу болосуңбу?

- Ооба, эже, мүмкүн болсо себебин толук айтсаңыз…

- Эмнени айтайын, аялың төрөй албайт, мүмкүн эмес!

***

Бакыт уулуна көп имерилип үйүнө байырлап калгандан улам Перизат мурункудай көп чыртылдабай наристеге бериле баштаган. Улам экөөнү таанып былтыр бешик болуп торолуп калганда, наристе ооруп калды. Күнү түнү ысытмалап, тамак ичпей, көзүн ачпай жатты. Бакыт менен Перизат коркконунан врачка алып барышты.

- Балаңардын ооруганына канча болду?

- Үч күн, тумоолоп калган экен деп эле үйдө кармап аттык. Доктор, жардам бериңиз, уулубузду сактап калыңыз, биздин жалгыз уулубуз! - Перизат ыйлап жиберди.

- Эки өпкөсүнө тең суук тийген, балаңардын оорусу өтүшүп кеткен, жаш бала мындай абалды көтөрүшү кыйын, Ошон үчүн кичине ысытмалаганда эле алып келишиңиз керек эле. -врач баланы ооруканага жатууга жазып берип жөнөтүп жиберди. Бакыт экөө жаш балдардын жатчу бөлмөлөрүнүн бирине барып дароо укол сайдырып, ысытмасы түшө баштаганда Перизат уулунун жанында калды. Бакыт керектүүлөрүн алып келүүгө кетти. Бир жумадай бирде түшүп бирде көтөрүлүп отуруп наристе аздап сакая баштады. Оорукананын башкы дарыгери бул арада өзү келип баланы көрүп турду. Негедир ал жаш келинден көзүн албай абдан берилип жардам бергенинен улам Перизат бул улгайган адамдын мамилесине таң калып жүрдү. Акыры бир күнү Улан ойноп калганда кабинетине чакырды.

- Уулуңузду жакшылап текшерүү керек, анткени балаңыз кийин баспай калышы мүмкүн, анализдерин тапшырыңыз.

- Эмнеге андай дейсиз, буттары жакшынакай эле го? - Перизат үрпөйө кабатырланып сурады.

- Витаминдери жетишпейт, органдардын баары жайында болгон менен канында бир окшоштук бар, күйөөң экөөңөрдүн туугандык жайыңар жок беле?

- Койсоңузчу, эч кандай жакындык жок.

- Анда бул баланын канында бир туугандардын аралашмасы бардай, мындан ары ооруганы ооруган, ал турсун… - врач андан ары айтпай туруп калды.

- Эмне дегени турасыз, - Перизат заматта ойлоно калды. - Доктор, - эки жагын бирөө угуп калбасын дегендей аярлай карады, - бул баланы багып алган элек, мен… мен төрөбөгөнүмдөн улам бала багып алууга туура келген.

- Аа-аа түшүнүктүү, демек анын энеси ким менен жүрүп төрөгөнүн текшерип билүүңүз сөзсүз керек, эгер бул бала бир туугандардын баласы болсо көп жашабайт, эгер жашаса да өмүр бою майып болуп калат.

- Кантип, кандай кылып билем, - Перизат ойлонуп туруп, - мен кете берсем болобу? - деди.

- Бөлмөңүзгө бара бериңиз, эртең чыгарам, сиз тезирээк чындыгын билип мага билдиришиңиз керек!

- Аракет кылайын… - Перизат доктордун кабинетинен шашып чыгып палатага келди да, уктап жаткан уулун көпкө чейин ойлуу тиктеп тура берди: "Бул бала көп жашабайт, жашаса да өмүр бою майып болуп калат", - деген врачтын сөзү кулагына жаңырып:

- Жок-жок, андай болушу мүмкүн эмес! Улан, уулум, жүрү кеттик, мен сени үйгө алып кетейинчи! - деп уктап жаткан баланы көтөрө, - Жок-жок, калп, баары калп! - деп босогого жетип калганда Бакыт кирип келди. Перизат ыйлап алган, күйөөсүн көрө калып эсине келди. Ал ушул саамда Уланды керебеттен кандай көтөрүп ала койгонун сезген эмес:

- Перизат сага эмне болду, эмнеге ыйлап алгансың? - Бакыт эч нерсе түшүнбөй сурап атты.

- Жөн эле, Бакыт. Улан жакшы болуп калды, үйгө кете берели?

- Эмнеге? Врач жооп берсин, бала жакшыраак дарылансын. Шашпагын, үйдө зарыл иш калып атты беле?

- Жок-жок, жөн эле кете берели, - ойлоно калып, - доктор эртең чыгарабыз деди, бүгүн менен эртеңдин айырмасы кайсы? - Бакытка жалдырап ийди, - Ушул учурда колуңдагы наристе ата-энесин карап талпына күлүп, апасынын ийинине башын жөлөп колдорун атасына булгап бир деме айткысы келгендей "був-був" деп атты.

Бакыт башкы врачка барып андан сурады эле, ал макулдугун берди. Башка кеп-сөз айтпады.

Үйүнө келгенден кийин Перизат ага врачтын айтканын айтты эле, ал ишенбей көпкө өзүнчө ойлонуп, эки-үч күн өттү. Улан чыргоолонгону калбай, ошондон кийин ыйлаганын токтотподу. Бакыт ойлонуп отуруп: "Таптым!" - деген ойдо шашылыш бир жакка жөнөдү.

- Кайда шашып, жумушка барасыңбы? - Перизат артынан кыйкырып калды эле:

- Бат эле келем, баланы жакшылап кара! - деп жүгүрүп кетти.

Бакыт барып эле жолдош баласы Усубаалыны издеп таап, ары чет жакка жетеледи:

- Усубаалы, сен мага абдан керексиң. Баягы баланы төрөгөн кыздын кайдан экенин билесиңби?

- Анын сага эмне кереги бар? - Таңкала Бакытты карады.

- Керек, абдан зарыл..

- Кызык экен.. ал кыз беш ай мурун өзүн өзү асып өлүп калган.

- Эмнеге?

- Аны кайдан билем, ошентип угуп калдым.

- Эми эмне кылам? Жаман болгон тура, - Бакыт ойлонуп, башын мыкчый ары-бери басты.

- Анчалык эмне болду, айтчы мага сырыңды жашырбай? Уулуң чоңоюп жатабы, ал оорубай элеби?

- Эмне кылаарымды билбей калдым, дос. Деги ал кыздын эмнеге өлгөнүн, туугандарынын кайда экенин айтчы мага сен жашырбай?!!

- Оо, досум, мынча неге кызыктың экен ага? Деги уулуң жакшы чоңоюп жатабы, алдын ала ошону айтчы?

- Баары ошон үчүн, мен чындыгын билишим керек. Деги ал кыз кайдан, кимден төрөгөн?

- Ал узак сөз, кызыкпай эле койсоң болмок. Мынча болду, мен сага айтып берейин..

- Ошентчи, билсең айтып берчи. Бул мага абдан керек!

- Жүрү бир жерге отуралы, жай сүйлөшөлү, - Усубаалы Бакытты ээрчитип ээн жерге алып барды. - Эч ким билүүгө тийиш эмес эле, сага айтып берейин.. Бул мындан үч жыл мурун болгон окуя…

Жумадыл орто чарбалуу, алты баланы өстүргөн адам эле. Эң кичүү кызы Сырга менен Токтобек кичинесинен абдан ынак өскөн. Алардын тагдыры мындай болуп кетээрин билбеген ата-эне эч нерседен шексинбей, эки жакка чыкканда чогуу таштап кете беришчү. Улуу балдары менен кыздары үйлөнүп-жайланып, экөө гана калган. Жумадыл кичүү кызы Сырганы өтө жакшы көрө турган. Ал эми уулу менен кызы бири бирин жакшы көрүү акыры аларды сүйүүнүн аралына алып барып таштаарын сезбей, күнү-түнү бирге отуруп, ойноп, кайда болсо бирге болуп, уктаганда гана өз бөлмөлөрүнө жатышчу.

Бойго жетип, экөө удаа-удаа эле мектепти бүтүргөндөн кийин Токтобек же окууга тапшырбады, же үйлөн деген ата-эненин сөзүнө макул болбоду. Үйдөн чыкпайт. Айланчыктап Сыргага жолугууга келген жигиттерди экинчи келгис кылып уруп-сабап койчу болду. Мунусун уккан атасы: "Бир туугандардын ичинен экөө өтө ынак, кой, "кызды сураганга бер", - демекчи, Сырганы каалаган жигитине бериш керек. Токтобекке түшүндүрүп койойун, анын бактылуу болушун каалайт ал деле", - деген ойдо бир күнү уулу жалгыз отурганда:

- Уулум, карындашың бой жетти, коңшу айылдан жуучулар келиптир, кызды узатуу камын көрөлү, - деди.

- Ата, Сырга күйөөгө тийгенге али эрте, жаш эмеспи? - деп ордунан ыргып турду.

- Жок, уулум, кыз бала жашында орун-очок алып, өз бактысын табышы керек, күйөө бала болчу жигит окуусун бүтүп, мектепте мугалим болуп иштеп жатыптыр, апаң экөөбүз макулдугубузду берип койдук.

- Жок, ата, Сырга күйөөгө тийбейт, окуйм деп атат ал.

- Балам, окуса да күйөөгө тийгенден кийин окуйт. Азыр аны сөзсүз күйөөгө беребиз! - Жумадыл сөз бүттү дегендей басып кетти.

Ошондон көп өтпөй эле Сыргага күйөө болчу жигит сууга агып өлдү деп угушту. Атайлап бирөө түртүп жибергени, же алланын буйругубу, эч ким билбеди. Ата-энеси уулун жоктоп кала беришти.

Жумадыл кызынын мындай жолу катуулугуна ичинен кейип: "Капырай, кызымдын жолу ушунча катуубу? Бул жакшы жышаан эмес, тагдыры кандай болоор экен? Тагдыр жолунун алгачкысы ушундай болду, эми мындан аркысы жакшы болгой эле", - деген түпөйүл санаага батып турду. Сырга да Токтобекти жакшы көрчү, бир азга көрбөй калса жалгызсырап тынчы кете берчү. Токтобек эмне кылаар айласын таппай, же карындашына сүйүүсүн билдире албай эзилип бүттү. Дагы бир күнү сырттан кирип келсе үйүндө конок бар экен, алар Сырганын колун сурап келген өздөрүнүн айылынын кампачысы экен. Баласы шаарда окууда экенин, азыр каникулда жүргөнүн айтып, Жумадылдын алдына түйүнчөккө оролгон бир нерсени койду да:

- Куда болгуча бири бириң сураш деген, Жумадыл. Ачыгын айтсам, бири бирибизди танбайбыз деп ойлойм, калган сыйды, калыңды келинди алгандан кийин ыраазы болгудай кылам, - деди колун суна, - как сүйлөштүкпү?

- Мен баарына макулмун, кызымды калыңга сатпайм, эки бала бактылуу болушса эле болду.

- Ап-баракелде! Сенден ушуну күткөм, балдардын бактысы үчүн эч нерсемди аябайм. Ыссык, ынтымактуу үйбүлөлөрбүз, эми ыссык кудалардан бололу!

- Айтканың келсин, сөзүңө кошулам.

- Эмесе уулум каникулга келгенде балдарды көрүштүрүп, анан үйлөндүрүп койолу.

- Жакшы болот, - Экөө кол алышып, Жантөрө үйдөн чыгып кетти.

Арадан бир ай өтүп, Жантөрөнүн баласы каникулга келип, эртеси эле өздөрүнүн малканасынан муунуп өлгөнүн көрүшөт. Бул да белгисиз бойдон калат..

Токтобек бир күнү үйүндө эч ким жокто Сырганын жанына келди:

- Сырга, сен жакында турмушка чыгасың, сенин чоңоюп калганыңды билбепмин. Өзүңдүн жактырган жигитиң барбы?

- Жок, менин эч кандай жигитим жок. Күйөөгө тийгим келбейт! - деп Сырга ыйлап ийди. Токтобек карындашын кучактап алып кошо ыйлап отурду. Экөө тең дилинде бир бирин сүйөөрүн сезип, туюп жатышты, ошондон баштап экөө кошулуп ойногондо абдан бактылуу болуп турушаар эле. Алдыларында кандай тагдыр күтүп турганын билген да, билгилери келген да жок. Ушул азганактай бактылуу мүнөттөр экөө үчүн кылым жашап сүйүүлөрүн далилдегендей. Бир бирин башкага ыраа көрбөй жүрүп, ата-энеси жайлоого көчүп кеткен күндөрдүн биринде кошулуп алышты. Эч нерседен бейкапар ата-эне күн ара аларга май-сүтүн жеткирип, ойдогу жумушу бүтүп жатканына курсант болуп жүрө беришти. Бир күнү атасы таң эрте келип калып, кызы менен уулунун бир төшөктө эрди-катындай бирге уктап жатышканын көрүп, өзүн жоготуп , башы тегеренип жыгылып түштү. Дабыштан улам чоочуп ойгонгон биртуугандар эшиктин илинбей калганын, атасынын көрүп койгонун билип шаша кийиништи да, атасын өйдө көтөргөндө ал көзүн ача уул-кызын көрүп жүзүн буруп кетти. Бирок сөз сүйлөөгө алы келбей кайра эсин жоготуп койду. Сырга атасынын жүзүн караганга батынбай үйдөн качып кетти. Жумадыл бир жумадай сөзгө келбей жатып, Токтобек жанына келсе жүзүн буруп кетип көргүсү келбегенин билдирип жатып, бу жарык дүйнө менен кош айтышып кете берди.

Бу сыр ошо бойдон ачыкка чыкпай өзү менен кошо кетти. Токтобек атасынын кыркынан кийин тынч уктай албады, күндө түшүнө атасы кирип: "Уулум, ушуга кантип бардың, силер биздин укум-тукумубузга доо кетирдиңер, эми сен ал жакта жашоого акың жок, мына муну ал да, муунуп ал!" - деп жип сунат… кыйналып кара терге түшүп атып ойгонот. Күндө ушул, жатса-турса ойлоно берип, атүгүл апасы менен да сүйлөшпөй жүрүп арыктап кетти. Апасы сураса эчтеке айтпайт. Бир жагынан жандай көргөн Сыргасынын кайда экенин билбей аргасы түгөндү. Ошол күнү кечинде негедир даарат алып, кийимин которунуп, төшөгүнө жатты. Көзү илинээр замат атасы көрүнүп: "Уулум, кечигип атасың, сен менин жаныма келсең болбойбу, Сырга да биякка келет, ал дагы бир бейкүнөөнү жер үстүнө калтыра турган болду, тез муну карма да мага жетип кел!" деп колуна жипти берип жетелеп сарайды көздөй жөнөдү. Эртеси анын сөөгүн асылып турган жеринен таап алышты. Сыздаган эне бейоопа дүйнөдө күйөөсү менен уулунун өлүмүнө эмне себепкер экенин, кызынын дайынсыз жоголгонунда бир сыр бар экенин сезип турса да, ал эмне сыр, кандай шумдук болуп өткөнүн билбей сарсанаа менен жүрүп ооруп калды. Бейкапар жашоо өтүп жаткан бактылуу үйбүлө аз убакыттын ичинде оор балды башынан өткөрүшүп, энесинен да ажырашты.

Сырга качып чыгып, эч ким тааныбаган айылга барып бейтааныш бирөөнүн атын сурап калат бир аялдан:

- Эжеке, Турсун дегенди билбейсизби?

- Жок айланайын, билбейт экемин.

- Бул айылда биринчи болушум, мүмкүн болсо бүгүн конуп алсам кантет? - деди Сырга иймене.

- Макул, кызым, сен да бирөөнүн баласысың, тааныбаган жерде кыйналып каласың, - деп чоочун аял аны ээрчитип үйүнө алып келет.

Сырга ошол бойдон ал жерде жүрүп калды. Илбериңки, жумушту таза жасаган кыз ал үйдүн мүчөлөрүнө жагып калды. Арадан эки ай өткөндө үйдүн улуу баласы кызга ашык болуп калып, үйлөнүүгө энесине сунушун айтат. Токтоо мүнөз, илбериңки, өңдүү-түстүү Сырганы апасы да ойлоп жүргөнүн айтып, тез арада экөөнү баш коштурууну ойлоп, кызга айтканда ал көз жашын көлдөтүп макул эместигин айтат. Арадан убакыт өтүп, анын ичи кадимкидей билине баштаганда:

- Кызым, мурда турмушка чыктың беле? - деп сурайт үйдүн ээси мээримдүү жылмайып.

- Ооба, эжеке. Мен жетим кызмын, ала качып алган күйөөм уруп-сокконунан качып чыгып сизге жолугуп калып, даамыңызды татып калдым. Эми уруксат этсеңиз мен кетейин. - Сырга ыйлап туруп аны менен коштошуп, өзүнүн айылына жол тартты. Кетээринде Жайлоокан ага шаардагы кызынын дарегин берди:

- Кызым, ата-энем жок деп кайгырба, аман-эсен көз жарып ал, мен сени өз кызымдай көрүп калдым, эгер көз жарып алгандан кийин келем десең эшигим ачык, - деп жылуу-жумшак узатып калды.

Башына жоолук салынып алган Сырга туура өзү туулуп өскөн үйүнө келди. Короо бек турган эле. Көчөдөн тестиер балага жолугуп, таанып турса да тааныбагандай:

- Эй кичинекей мырза, бул үйдөгүлөр кайда экенин билесиңби? - деп эңкейе калып жылмая сурады.

- Аларбы, алар көптөн бери жок. Кемпир-чал, Токтобек акелер өлүшкөндөн кийин биерде эч ким жашабайт, - деди эч нерсе оюнда жок бала.

- Макул, анда мен барайын, сага ырахмат! - деген Сырга ылдамдай басып бир кезде ушул үйдө бактылуу өткөргөн өмүрүн көз алдына элестете маршруткага түшүп Жайлоокан берген дарек боюнча анын кызынын үйүнө келет. Айдана эки балалуу келин. Апасы жиберген келинди жакшы кабыл алып, өз биртууганындай батырып алат. Убакыт жетип төрөгөндөн кийин ал өз үйүнө кайтып барат да, дал Токтобек муунган жипке асынып өлөт. Жанында ала жүрчү блокнотуна болгон сырын жазып жүргөн күндөлүгүн айдана ал кеткенден кийин таап алат. Бечара кыз аны атайы калтырганы, же унутуп таштап кеткени белгисиз бойдон калды. Эң акырында: "Менин бул дүйнөдө тирүү жүрүшүм күнөө, ата-энемдин, агамдын убалына калдым, эмнеси болсо да тигил дүйнөдө өз күнөөм үчүн жазаланышым керек!" деген жазууну окуган Айдана анын айылынын дарегине барып өлүмдөн сактап калууга жетишпей калды. Ал келгенде эч ким кирбей калган үйдүн короосунда эл толо болчу. Көрсө келген эле күнү өзү асынып алыптыр. Үйүн сатканы келген улуу агасы карындашынын асылуу турганын көрүп чоочуп кетет. Ошентип кайран кыз артына кичинекей наристени калтырып, өмүрү менен кош айтышыптыр. Сөөктү алып кетип жаткан улуу агасына барып Айдана блокнотту бергенде ал таң калып:

- Муну кайдан алдыңыз? - деп сурады бейтааныш келинден.

- Аны кийин… - Айдана шаша жөнөп кетти.

- Кызык… - деген Сырганын агасы блокноттун биринчи бетин ача берип, иниси менен карындашынын сүрөтүн көрүп, делдейе туруп калганда жанындагылар:

- Болбойсуңбу, өлүктү жайына коюуну эртерээк дайындайлы! - дегенде гана блокнотту чөнтөгүнө салып өз ишине киришет.

Мына, достум, ошол Айдана менин жакын кошунам. Өткөндө ушуларды айтып абдан кейиди: "Жок дегенде өзүн өлтүрөөрүн билсем алып калууга аракет кылат элем, байкуш жаны жаннатта болгур, абдан жакшы кыз эле, тагдыры ушундай болуптур", - деп.

Усубаалы айтып бүтүп Бакытты карады:

- Ушул досум, укканым боюнча ал кыз боюна болуп калганын билгенден кийин көп эле өлмөк болуп, бирок ушул наристесин кыя албай эптеп төрөп калтырып, анан өзүнүн туулуп өскөн үйүнө барып, ата-энесинин арбагына сыйынып, анан өлгөн экен, - Усубаалы алакан жая. - Кызык экен, досум: элестет, эки бир туугандын бири бирин сүйүп калышын.. Бу да болсо тагдырдын жазганы да, болбосо… Бу кең дүйнөдөгү пенделердин тагдыры ар түрдүү тура.

- Демек, доктордун айтканы чын экен да… - Бакыт өзүнчө ойлуу ары басып барып, - эми эмне кылышым керек, эмне болот? - деп башын мыкчый калды.

- Эмне кылам, эмне кылчубуз эле дейсиң, айтчы деги ачыгын: балаңар чоңоюп жатабы, ал жакшы элеби?

- Кептин баары ошондо болуп жатпайбы! - Бакыт андан башка эч нерсе айтпай басып кетти. Усубаалы аны артынан узата карап, ийнин куушуруп коюп кала берди.

Бакыт үйүнө келсе Перизат үнүн баспай ыйлап жаткан уулун кучактап отуруп кошула ыйлап алыптыр. Күйөөсүн көрүп ачууланып алды:

- Мага кеңешпей туруп алган балаң!.. Мына эми өмүр бою инвалид кылып бага бер!

- Перизат, мени кечирип кой, оюмда бала багып алсак деп жүргөм. Анан жаш кыз экен, өзү да абдан сулуу дешти, талаага таштатпай багып алалы деп ойлодум да…

- Ошондо да баланы алып жатканда ошол врачтан сурабайт белең, денсоолугун текшертип албайт белең?!

- Койо турчу, ошо төрөткөн аялдан да сурап келейин. Алар анализин алып, баланын денсоолугун текшерген болуш керек.

- Барып көр, мүмкүн алар да билээр.. - Үмүттүү күйөөсүн караган Перизатты сооротуп, уулун колуна алып өөп, ойлуу отуруп калышты. Уландын эти ысып, ыйлай берди. Дары берип, кичине уктап калганда кабатырланып отурган Перизат бир нерсени ойлоно калды.

- Перизат, көп ойлоно бербечи, өзүң ооруп калып жүрбө.

- Жок, Бакыт, мен бая күнү бир көзү ачыкка баргам, ошонун айтканын кылалы, балким жакшы болуп кетээр?

- Ал көзү ачыгың эмне деди эле?

- Балаңар күчтүү чыгат, эгер силер кудайдан суранып, мечитке күнүнө үч маал куран окутуп, балага деп салдырып турсаңар, ихлас сүрөөсүн түнкү намазда миң бир ирээт жетимиш жети күн окусаңар баары жайында болот деген.

- Койчу, экөөбүз тең намаз окуганды билбесек, анан кантип…

- Балабыздын денсоолугу, келечеги үчүн баарын үйрөнөбүз да. Мен намаз окуганды сөзсүз үйрөнөм, эртең жума, уулумду көтөрүп мечитке барам, - Перизат чечкиндүү айтканда Бакыт ойлонуп калды.

Ошондон баштап экөө тең намаз үйрөнүүгө тырышып, күндө мечитке баланы үч маал алып барып дем салдырып, намазга жыгыла башташты. Түнкү намазды Перизат окуп, ихлас сүрөөсүн миң бир ирээт кайталап, уулунун денсоолугун тилеп жатканына жети күн болуп калган. Перизат эми эле түнкү намазын окуп бүтүп, кыңкая жатып көзүн жума уйкуга кетип бараткан эле, өзү да билбей калды: Уландын жанында аппак кийимчен аял отуруп алып сылап жаткан экен. Ошону көрүп, түшү же өңү экенин сезбей уктап кетти. Эртеменен Бакытка көргөнүн айтты эле, ал да ойлонуп: "Демек, Умай эне жардамга келген экен", - деп үмүт улады.

Перизат күйөөсү жумушка кеткенден кийин докторго барып көргөнүн бүт айтты эле, ал:

- Кызым, доктурлар болгону дары-дармекке, анализге таянабыз. Эгер бул айтканың чын болсо, өзүңөр билгендей кыргызчылыкка таяна берсеңер болот, - деди.

- Рахмат, доктор, - Перизат ыраазычылыгын билдирип отурду, - Уулубуздун…

- Эч нерсе эмес, баары кудайдан. Тобокел деп уулуңду бага бер!

- Жакшы калыңыз, - Перизат чыгып баратып жылмая карап койду.

Бакыт үйүнө келгенде Уланды алып отурган эле:

- Карасаң, Бакыт, Улан бүгүн такыр ыйлаган жок, уйкусу да тынч болуп калды, - кубана уулуна карап, - кана, уулум, атаңа барчы! - колун Бакытты көздөй жаңсады эле, эки колун сереңдете талпынып алды. Анын ар бир кыймылы, күлкүсү экөөнүн кубанычы, бактысы эмеспи. Бакыт наристеге кулачын жайды:

- Ээ айланайын ушунун ойногонунан! Апасын кубантып ойноп калган экен го?! - Колуна ала эркелетип, эки ууртунан өөп эзилип атты, - Күчүгү го атасынын, эрмеги го ушул апасынын, ырысым го!! - деп жан алы калбай жалынып жатты.

- Этинин ысыганы кандай? - Перизатка карап сурап койду.

- Ысыбай калды. Ошонуку го, ойноп калды, - Уланды карай эзилип алды, - Оо садага кетейиним десе, ушинтип эле жүрсөң экен!

Улан атасынын төшүнө башын ката калып, кайра апасын карап мулуңдап: "був, був" деп колдорун сереңдеткен сайын экөө эки жактан жалбарып жатышты. Бакыт болсо оюнчуктарды карматып, шылдырактарды шылдыратып ойнотуп жатканда Перизат тамак жасап, уулуна сүт кайнатып, адегенде Уланды экөөлөп тамактандырышты да, андан кийин өздөрү кезек менен тамактанышты. Перизат жатаарда даарат алып, анан жайнамазын жайып түнкү тилек намазды окууга отурду: "Эй жараткан алла, туубасам да тутунуп, медер кылып багып жаткан уулум Уландын дени таза, акылы тунук, ыймандуу болуп, өмүрү узун болушун тилейм. Пендем деп жаратканың чын болсо ушул тилегимди кабыл кыла көр. Баардык күч, эрк өзүңдө, жараткан өзүң жар бол, уулумдун дилин тазартып, денин сак кыл!" - деп ихлас сүрөөсүн миң бир ирээт кайталагандан кийин алакан жайып бата кылды да, ордунан турду. Ошол түнү жаңыдан жатып, жаздыкка баш койгон эле, баягы көрүнүш дагы кайталанды. Ошондо Перизат же кыйкыра албай, же туруп уулунун жанына баралбай, бир күч аны катырып койгон сымал бир топ карап жатат да, уктап калат.

Туура жетимиш жети күн тилек намазын окуган Перизат күнүнө куран окуп, ар жумада жыт чыгарып жети токоч жасап бейбечараларга таратып турду. Алар жашаган көчөнүн бир бурчунда майда талдар бар эле, ал жерде үч-төрт үйсүздөр талаадан колуна тийгендерди чогултуп келип эптеп жайкысын жашап жүрүшчү. Перизаттын ар жума токоч жасап таратканына көнүп алышып, дал ошол күнү кадимкидей күтүп калышчу болду. "Бүгүн акыркы күн, ушулардан бата алайын, сообу тийип уулум жакшы болуп кетсе болду", - деп ойлогон Перизат конфет, нан, бир топ оокат менен кошо Бакыт экөөнүн бир-эки сыйра кийимин алып барып берди да, артын карабай: "Баардык балакеттин баары ушуну менен чыгып кетсин", - деген ойдо үйүнө келди. Ал кийинки күндөрү кадимкидей такыбалыкка үйрөндү. Күндө беш маал намаз окуйт. Улан отуруп, баягы ыйлаганы калып, өзүнчө оюнчук менен ойноп калды. Бир аз санаадан арылып, бактылуу үйбүлөнүн кубанычында чек жок. Сагын эне келип небересин жыттай, кызынан баарын угуп отуруп анын намаз окуп калганына сүйүндү. Көпкө жүрүп, анан кетээринде:

- Кызым, ушул кубанычыңар кут болсун. Алла кандай кылам десе өз эрки, алла улук, алла күчтүү, кудай дегенден жазба! - деп кетти.

Улан үйүнө көп кишинин келгенин жактырбай ыйлап калат. Кээ бир ичи арам адамды көргөндө чыркырап, ал кеткиче басылбай, кетээр менен ойноп калат. Билинбеген жашоо агымы токтомокпу, ай-буй дегиче беш жыл өтүп, чулдураган тили, кыял-жоругу менен ата-энесин ого бетер бакытка бөлөп койду.

Кийинки кездерде Бакыт үйүнө кеч келип, кээде жөндөн жөн эле чыртылдаган кыял күтүп калды. Бала эмеспи, наристе аны сезгендей атасына барбай ыйлачу болду. Бир күнү ойноп аткан Улан Бакыт эшиктен кирип келери менен эле:

- Ата, мен сени жаман көрөм, сен башка аялды эмнеге алам дейсиң? - деди дулдуя.

- Эмне-е?! - Бакыт таңдана Уланды карап, анан Перизатты карады, - Балага бирдеме дегенсиң го, андан көрө мага айтпайсыңбы? - деди кабак бүркөй.

- Кантесиң, Бакыт, балага мен эмне демек элем, өзү эле оозуна келгенин айтып койду го, - Перизат эчтеке түшүнбөй уулун карады эле, ал:

- Мен өзүм эле билем. Сен төрөп берет деп жүрөсүң, - деп Бакыттын маңдайына келип тике карады, - апам өзү эле төрөйт, ошондо көрөсүң, бирок өзүңө жаман болот! - Улан ушуну айтты да сыртка чыгып кетти. Бакыт менен Перизат бири бирин карап туруп калышты. Ошондон тартып алардын үйүнө бир кут киргендей болду. Уландын айткандары туура келип, улуу-кичүүнү таң калтырчу болду. Бакыт үйдөн чыкпай, жумушуна барып түз эле келчү болуп калды. Перизаттын боюнча болгонун байкабай да калышты. Качан гана ичи бүлк-бүлк деп кыймылдаганда докторго барган ал кубанганынан эси ооп кала жаздады. Бул кубанычын апасына айтып чакыртып ийсе жетип келген экен. Бакыт да кубанганынан Уланга айланып тегеренип, жалбарып, чала була көз жашы да кылып алды.

- Ак жолтоюм менин, ырысым, май көтөнүм, - деп кирип-чыгып жалынат.

- Садага кетейин, ээ Улан, апаң эркек төрөйбү же кыз төрөйбү? - Сагын эне Уланды алдына алып отуруп сурады эле ал:

- Апам эркек төрөйт, анын оозу жырык болуп төрөлөт, бирок абдан акылдуу, сулуу бала болот! - деди токтолбой.

- Ыя?! - Бакыт чоочуй сураган менен кенедей баладан башка нерсени сурай албады: "Тобо-оо, бул эмне деген бала?" - деген ойдо отурган жеринде ойлуу тунжурай түштү.

- Баланы үйүңөргө киши-кара келсе көрсөтө көрбөгүлө бирөөнүн көзүндө, бирөөнүн сөзүндө бар, этиет болгула, - деген эне: "Капырай, бакшы кемпирдин айтканы туура болот окшойт", - деп ичинен ал да ойлоно калды. Бир гана Перизат: "Жырык болсо эмне экен, баласы жок, төрөбөйт дегиче төрөп алганым жакшы", - деп көңүлү ток. Бул үйдө ашыкча сөз сүйлөнбөйт, бала болуп туруп Улан да ойноп же тескери иш жасабайт. Перизат боюна болуп ичи билингенден бери намаз окуй албай калганга Улан өзү намазга жыгылчу болду. Алты жашында аны намазга ким үйрөтмөк, апасы менен кошо жыгылып, даарат алганды да үйрөнүп кадимкидей окуп калган. Негедир ага бирөө үйрөткөндөй. Бейчеки сүйлөгөндөн чоочуп турушат. Сагын эне өзүнчө отуруп кээде жакасын карманып алат: "Ээ жараткан, ушунуңа шүгүр, бул баланын периштелери күчтүү экен, айланайын кудай өзүң сактай көр, көзү жамандан, ниети жамандан, пейли бузуктан калкалай көр", - деп алат. Бакыт: "Бул биздин өлөөрүбүздү деле айтып койот ко?" - деп чоочулочу болду. Перизат убагы жетип балканактай уул төрөдү, үстүнкү ээрди атайын тилип койгондой жырыгы бар экен. Анысына кайыл болуп өзүнүн эне болгонуна кубанычы койнуна батпайт. Үйгө чыгып келгенде Улан:

- Ата, үйгө эч ким келбесин, - деди негедир кабак бүркөй, - баланын периштелери таарынып калат, алты айга чейин кишиге көрсөтпөй багыш керек!

- Макул уулум, эч ким келбейт, - Бакыт уулдуу болгондон бери ичип коюп жүргөн, бүгүн да кызуу эле, - Анча-мынча жууп койсок болобу? - күлө карап, уулун эркелете өөп койду.

- Сиз мындан ары ичпеңиз. Эгер дагы ичсеңиз жаман болот! - деген Улан ички бөлмөгө кирип кеткенде Бакыт не дээрин билбей туруп калды.

Кичинекей наристени колдорунан түшүрбөй карап атышты. Баланын көздөрү капкара, эмитен кирпиктери узун болуп музоонукундай, сүйгүнчүгүн саксактап эмизген Перизат өзүнүн эне болгонуна кээде ишене да албай кетет. Кубанып отуруп ушул бактысына ыраазы боло, көздөрүнө кубанычтын жашы тегерене түшкөнүн байкабай калды. Аңгыча дөңгөлөктөй чимирилип убакыт өтүп, наристе күлгөндү, анан отуруп, анан "апа", "ата" дегенге жарап калды. Уландын айтканы менен наристеге алты айга чейин ат койбой, кишиге көрсөтпөй жүрүштү, алты айга толгон күнү ал Бакытка карап:

- Ата, мечиттен молдо ээрчитип келиңиз, балага ат койобуз! - деди чоң кишидей, - эки гана молдо болсун!

- Макул, уулум, - Бакыт ошенткен менен ичинен: "Тобо, ушул бала мени жумшап атканын кара, ат койобуз дегенин", - деп өзүнчө жылмайып алып, тез эле эки молдо ээрчитип келди. Дасторкон жайылып, оокат-ашты жайнатып койгон Перизат наристени алдына алып отурду.

- Баланын атын ким деп койолу дейсиңер? - Молдо ата-энеге карады.

- Мухаммедали! - Улан озунуп айта салды.

- Оо азамат, инисинин атын өзү койгон тура! -деп молдо күлүп калды. Бири баланын кулагына үч жолу: "Мухаммедали!" - деп кайталады да, ат коюу салты жөнүндө айтып отуруп, түйүнчөктөрүн көтөрүп жөнөп кетишти.

Молдолор кеткенден кийин Бакыт Уланды карап:

- Уулум, чоң кишилер сүйлөй электе сүйлөбөй жүрчү, - деди.

- Ата, силер ат койгондон жаңылып калсаңар адамдын жашоосуна зыян келет, менин атымды туура эмес коюп койгонсуңар! -деп тике карап айтканда Бакыт унчукпай калды.

- Эмнеге, балам, сени атыңды кубанганыбыздан артыңдан убай-чубай уул-кыз ээрчитип келсин, сени менен токтоп калбай улансын деп Улан койгонбуз да, - Перизат күлө карап эркелете айтты эле:

- Макул, апа, ал өткөн иш, эми Мухамедалини жакшы чоңойтолу, - деп токтолгон адамдай айтканда үчөө бир бирин дагы астыртан карап тим болушту.

Мухамедалини бир жаш болгондо врачтарга алып барып оозун тиктирмей болушту эле, врач:

- Азыр эрте, үч жаш болгондо алып келгиле, - деди.

- Ушундайда тиктирип койсок дедик эле, жашында жакшы болобу деген ойдо элек.

- Жок, жок болбойт, - деген врач сөз бүттү дегендей өз иши менен алектенип кийинки адамдарды кабыл ала баштады. Перизат унчукпай чыгып кетти: "Мейли уулумдун жаны аман болсо болду", - ушул ойлорду ойлоп келатканда алдынан цыган аял чыгып:

- Кызым, тагдырыңды айтып берем, алдыңда бир жамандык, бир жакшылык турат, - деп алдын торой калды.

- Жок, кереги жок, төлгө ачтырбайм, - деп өтө берээрде болбой эле жабышып алды.

- Болуптур, кана ачсаң ачып берчи, - Перизат отургучка отура калды. Картасын аралаштырып жатып:

- Эки балаң бар экен, бир балаң абдан жакшы болот, бир балаңдын белгиси бар экен, ушул уулуң белгилүү адам болуп, дүйнөгө атагы чыгып, анан… анан, - деген цыган Перизатты көпкө карады, - бир жоготуу бар, өлүм түшүп жатат, - деп картасын жаап койду.

- Эмне-е?! - деп үрпөйгөн Перизат көпкө отуруп анан ордунан туруп баратып, - Оозуңа кара жылан кирип кеткир, төлгөң төмүрөн калгыр, кара башыңа көрүнсүн! - деп жүрөгү уйгу-туйгу болуп үйүнө келди. Келип эле стулга отуруп калды: "Лөлүнүн дегени туура келет дечү эле, өлүм болот дегени эмнеси, менби же Бакытпы, кимибиз?" - деп ойлуу отурганда Улан инисин ээрчитип кирип келип эле:

- Сиз цыган аялга эмнеге бардыңыз? - деди.

- Аны кайдан билесиң? -Эси чыккандай үрпөйө калып сурады:

- Апа, түшүнүп эле калдыңыз го, менсиз эч кандай көзү ачыкка, же цыганга барбашыңыз керек эле, - ары-бери басып ойлуу тынчсызданган жети-сегиз жаштагы уулун караган бойдон делдейе тура берди Перизат, - Ооба, ал туура айтат, туура бир жылдан кийин дал ушул күнү атам кырсыкка кабылат..

- Эмне дейсиң, уулум, алдын алса болбойбу?

- Жок! - деген Улан инисин жетелеп ойноткону ары басты, - Бир жолу бар: эмдиги жумада түлөө өткөрүп, кырк күнү тынбай намаз окуп, атама дем салыш керек, ошондо да аны сакташыбыз кыйын, бул үйдү башкага сатып, орун алмаштырсак дагы бир жыл сактайбыз.

- Оолда балам ай, деги кандай күнгө туш болдум эле, жөнөкөй эле көп баланын бириндей болсоң болбойт беле?! - Перизат ыйлап ийиди.

- Апа, кудайдын ар пенденин пешенесине жазганы бар, биз пенделер андан качып кутула албайбыз, кээде шайтанга жеңдирип ийсе, ошону тазаласа болот.

- Атаңды тазаласа болбойбу?

- Аракет кылып көрөйүн, сурайын, суранайын… - ушул учурда Бакыт кирип келди.

- Эмне эле болуп атасыңар, өлө турган адамды алып калам деп убара болбогула! - Бакыт кызуу болчу, ал кийинки кездерде тескери иштер менен убара болуп, жалаң акча табуу жолуна түшкөн эле.

- Сиздин туура эмес жолго кайтпас болуп түшүп алганыңызды билем, кайткан күнү сизди алар соо койбойт!

- Билем… - Бакыт костюмун чечип диванга өттү, - өзүм да билбей калдым, - деп ойлуу тамеки күйгүздү, - Мен алардын ишинен баш тартайын десем дароо эле тындым калганы турат.

- Ал эмне деген иш, иштебейм деп койсоң болбойт беле, Эмнеңе жетпей жатат деги, өзүңдүн жумушуң ач калтырбайт эле го, мына минтип балалуу болуп балдарыбыз маңдайыбызда ойноп көңүлүбүз тынып калганда, кайдагы балээни башыңа үйүп алдың эле? - Перизат тынчсыздана тызылдап ийди.

- Болду, ар бир башка бир өлүм, качсаң да, куусаң да өлөсүң, кабатыр болбо, башка салганды көрөөрмүн!

- Ата, сиз намаз окубай койдуңуз, ушул жаман жолго түшкөндөн көрө кудай жолуна түшкөнүңүздө… - Улан жер карап бирдеме айткысы келип ачык айталбай калды эле, Перизат аны карады:

- Уулум, бир жолун табалы, экөөлөп кырк күнү намаз окуп кудайдан сураналы.

- Эй Перизат, эмне болду сага, ыя? Мен бүгүн эле өлүп кала тургансып күйпөлөктөбөй жөн отурчу, апкел андан көрө, тамак-самагың барбы?

- Ата, сиз өмүрүңүздү тобокелге салбаңыз да, сизге алар эки жумадан кийин келмек болгон, туурабы? - Бакытты өткүр көздөрү менен теше тиктегенде ал көздөрүн тартып алды: "Жолборстой чамынат да мына бу бала, тигилерден да мурун ушунуку өттү го мага", - деп айласы куруй үнсүз отуруп калды. Ортодо кичинекей Мухаммедали гана: "апа, аталап", - апасынын жанында ойноп атты. Уландын кабагы карыш түшүп, түнөргөндөн түнөрүп калды. Ал күнү ошону менен сөздөрү бүтүп кечки тамактарын ичип жатып калышты. Улан түнү менен караңгы бөлмөдө жайнамазын жайып алып намазын окуп отура берди. Таңга маал гана ошол отурган жеринде үргүлөп кетти эле: "Балам, абдан кыйналып кеттиң окшойт, мындан ары эч нерсени айтпай жүр, он экиге чыкканда киши көрөсүң. Атаңды алып кала албайсыңар, ал өз күнөөсү үчүн ошол адамдардын колунан өлөт, ага эч арга жок", - деген үн угулуп ойгонуп кетти. Дал ошол учурда Перизат бөлмөнүн жарыгын күйгүзүп уулун караганы келатып эшикти ача бергенде баласынын маңдайында отурган ак кийимчен аялды көрүп кетенчиктей артына бурулуп: "Оо кудай, уулума денсоолук бере көр, бөөдө кырсыктан сакта", - деп ордуна барып жатып калды. Улан ошондон тартып кадимки эле балдардай ойноп, окуусун окуп калды. Перизаттын ички сезими уйгу-туйгу болуп, басса-турса Бакытты ойлонуп, өңүнөн азып кетти. Арадан алты ай өткөндө Бакыт аты-жыты жок жоголду. Ар кайсы тааныштарынан сураштырышты, жумушунда жок, эч дайыны билинбегенден кийин отуруп калышты. Каникул келип эки уулун алган Перизат апасынын үйүнө барып тез эле келди. Бакыт келип өзүн күтүп калгандай тура албады. Улан апасынын санаага батып жүргөнүн билип ага жардамдаша калат, ал эми Мухаммедали болсо чулдурап сүйлөп, жүгүрүп ойноп жүрөт, эч нерседен капарсыз. Перизат: "Кайсыл күнү кирип келет же өлүгү табылат?" - деп ичтен тынып балдарына көрсөтпөй ыйлап алат. Сагын эне ал барып келгенден кийин Бакыттын дайынсыз жоголгонун угуп тынчый албай келип калды. Билинбей бир жыл өтүп, Бакыттын тирүү келишинен үмүт үзүп калышкан эле. Бир күнү кечке маал үйдүн тушуна машина токтоп, кайра жүрүп кеткендей болду. Эшикке күүгүм түшө баштаган эле, Перизат чыгып эки жакты карап атып целлофанга оролгон нерсени көзү чылап, жетип барып ача коюп кыйкырып жиберди да, жыгылып калды. Анын үнүнөн улам коңшулары, жолдон өткөн адамдар чогула калды. Милициядан келишти. Бакытты абдан кыйнап, целлофанга тумчуктуруп өлтүрүшкөн экен, кара көк болуп кетиптир. Өлүктү целлофандан алып караган кезде анын колуна карматып койгон кагазды көрүп алып окуду эле: "Убадаңды аткара албадың, эми сенин ишиңди балаң аткарат, ал биздин кызматыбызды аткарууга тийиш", - деген жазууну окуган милиционер ыйлап аткан Перизатка аны көрсөтпөй катып алды. Бакытты жерге бергенден кийин милиционер жанагы кагазды Перизатка көргөздү эле, ал ботодой боздоп жиберди:

- Оо кудай, бул эмне деген жаза эле, эми уулумду да тынч койбойт тура, кайда качам, кантип уулумду калкалап калам?!

- Сиз күйөөңүздүн эмне иш кылып жүргөнүн билчү белеңиз?

- Кайдан, эчтеке билбейм, өзү кийинчерээк көп акча таап келгенде сурасам: "Мен таап келгенди алып жашай берсеңчи. Уулдарым чоңойгондо кыйналбасын деп дүнүйө, акча жыйнап койойун деп жатам", - деп айтпай койгон, үч төрт күндөн жоголуп кайра келип калчу, - деп Перизат ыйлап отурду.

- Көп эле ыйлай бербеңиз, андан көрө балдарыңызды кайтарыңыз - деди.

- Оо кудай! - Перизат бетин басып ыйлаганын токтотпой жанында отурган уулдарын башынан сылай, - кагылайындарым, силерди көзүмдүн карегиндей сактайм, тирүү турсам чымынга талатпасмын…

Перизат үчүн оор кайгы Бакыттын белгисиз адамдардын колунан өлүшү бир тең, балдарынын келечеги бүдөмүктөнүп коркунучта калганы бир тең болду. Жүрөгү түпөйүлдөнгөн Перизат тез эле үйдү сатып апасы жашаган айылдан үй сатып алды да көчүп кетти. Антип минткиче эки жыл өтүп кетти. Улан он экиге чыгып төртүнчү класска окуп калган. Баары өтүп, унутулган жаман түштөй Перизаттын көңүлү тынып текилдеп жүгүрүп жүргөн Мухамедалини кайда барса жетелей жүрөт. Улан сабактан келип эле өзү намаз окуучу бөлмөсүнө өттү. Ошол кезде анын кулагына: "Мухамедалини кара, аны алып кеткени келатат", - деген үн угулуп намазын окубай эле сыртка атып чыкты. Эки жакты карап апасы менен ээрчишип келаткан инисин көрө эс ала түштү. Бирок тынч ала албай кайра үйгө кирип: "Намаздын убагы өтүп кетпесин, окуй койойун", - деп жайнамазга тизелей отура калганда Перизаттын чыңырган үнү угулду. Жүгүрүп чыкса Перизат жерде жыгылган бойдон боздоп жатат. Жанында коңшулары үйүлүп калган. Көрсө Перизат жетелеп жүргөн бала балдар менен ойноо үчүн топтошкон балдарды көздөй жүгүрүп ойной баштаганда ушуну эле күтүп тургандай бир машина зуу келип көтөрүп салып жүрүп кеткен экен.. Перизат эки күн эсин жоготуп жатты. Үчүнчү күнү гана эсине келип:

- Балам, менин кичинекейим кана, кайда кетти? - деп жанында отурган Уланды кучактап боздоп ийди.

- Апа, кейибеңизчи, Мухамедалини табабыз, - деди ал да ыйлап туруп.

Кайдан тапмак, орган кызматкерлерине айтты, сүрөтүн берип алардын үмүттөндү, бирок бала эч дайыны жок жоголду: "Беш-алты жаштагы баланы алып кетип эмне кылышат болду экен, кудай ай өлтүрүп койду го?" - деп күнү түнү боздогон Перизат бир жылда чачы агарып, эч ким менен сүйлөшпөй күнүмдүк гана оокат менен алек. Уландын да жоголуп кетишинен чоочуйт. Аны үйдөн чыгарбайт. Улан болсо айылдын ичинде бат эле көзгө сая айткан өзгөчөлүгү менен билинип кетти. Бир нерселери жоголуп же ооруп калышса келип турушат. Улан аларга кадимкидей дем салып, ооруган жерлерин так айтып докторго кайрылаарын же өзү дарылаарын айткандан кийин келген адамдар балага ыраазы болуп кетишет.

Кийинки күндөрү анын түшүнө бир үй кирип туруп алды. Күндө кыйналып чыгат. Ошол үйдө Мухамедалинин отурганын көрөт, ал эки колун созо: "Мени алып кеткиле, мени өлтүргөнү жатышат", - деп кыйкыра берет. Бул түшүн ал апасына айтпады, жети күн, түнү менен уктабай кыбыланы карап намаз окуп отуруп, акыркы күнү шайы келбей көзү өзүнөн өзү илинип баратты. Көзү илинээри менен ал баягы бейтааныш үйгө кирип баратканда алдынан ак сакал карыя чыгып ага жол көрсөттү: "Тез бас, убактың бүтө электе алып кетип кал иниңди, болбосо сен да биерде калып каласың", - деп чоң темир эшикти колун көтөрүп койсо ачылып кетип ортодогу столдо отурган Мухамедалини көтөрүп алып учуп жөнөгөнүн бир билет, көзүн ачса өзүнүн короосунун оозунда туруптур. Жүгүрүп үйгө кирди да:

- Апа, апаке, Мухаммед келди, мына апа! - деп үйгө карап үн салып келатты. Үндү уккан Перизат ордунан кандай турганын билбей чуркап чыгып келатып эки уулун көрүп өзүн жоготуп жыгылып калды. Көрсө Улан жетимиш күндөн ашык убакытка үйдө болбоптур, Перизат эки баласынан тең айырылганын билип үйдө суу да жутпай өлүп калууну ойлоп жаткан экен. Кайгы аны заматта орто жашаган ак чач аялга айландырып койгон. Сагын эне жыгылып тура ажатканадан келсе эки уулу турат, Перизат босогону аттап жыгылып калганын көрүп элди чакырган эле. Аңгыча коңшулары келип калышты. Перизаттын бетине суу чачып эс алдыргандан кийин ага:

- Айланайын, азыр балдарыңдын маңдайында турганына кубан. Уланга кудайым башкача касиет берген экен, болбосо ким эле жоголгон баласын табат, эчендер жоголуп табылбай кетип жатпайбы, - дешип көңүлүн көтөрүп отурушту.

- Кудайга ыраазымын!!! - деген Перизат башка сөз сүйлөөгө кудурети жетпей эки көзүнүн жашы жүзүн жууп, балдарын кучактап алмак-салмак өөп коюп отура берди.

Перизат Мухамедалини белгисиз бирөөлөр алып кеткенден кийин нес болгон немедей өзүнчө болуп, Уланды эле карап калган эле, бир күнү экөө намазга отурат. Жети күн болгон эле, жанында отурган Улан чекесин жайнамазга тийгизип өйдө болоору менен кандайдыр бир шоокум пайда болуп, Уланга тегиз жарык тийгенден кийин эле кушка айланып баратканын оң жагына башын буруп: "Алласоому алейкум рахматулла", - деп келаткан Перизат көрүп калып эстен танат. Ошол бойдон эч нерсе билбей жетимиш күн жаткан экен. Сагын эне, жеңеси менен агалары келип кабар алып, оозуна суу тамызып жатышкан экен. Ошол күнү жалгыз гана Сагын эне карып бүжүрөп калса да кызынын жанында отуруп жаңы эле ажатканага кеткен болчу. Чырылдап экөөнү улам баса калып жатты эне дагы. Чогулгандар тырмактай баланын дайынсыз кеткен инисин алып келип калганына жакаларын кармана таң калып жатышты. Ошентип Уландын мартабасы ого бетер бир айылдан экинчи айылга угулуп, көтөрүлө берди. Отуз беш жатында канчалаган азап тарткан Перизатты агасы өзүнүн үйүнүн жанына көчүрүп алды. Сагын эне алар менен чогуу туруп, баш-көз болуу үчүн биротоло келди. Баары унутула баштап, Перизаттын көңүлү тынгандан кийин Улан болгон ишти айтып берип отурду:

- Мен намазга жаңы эле отуруп саждага баргандан кийин эле терезеден шоола түшүп аппак кийимчен аял пайда болду. Анын артынан сакалдуу адам келип, аял ага минтти: "Сен уулубузду кайгыдан сакташың керек, иниси үчүн апасы экөө тең кайгырып жүрөт. Сен аларды жеңишиң керек, бала неме мент болуп калбасын, сак бол!" - деп мени кушка айландырып учуп жөнөдү. Мен бат эле келгендей болгом, эмне окуя болгонун билбейм, болгону темир эшикти ачканда Мухаммедали жалгыз отуруптур, көтөрүп алып учуп чыктым, көзүмдү ачсам үйдүн короосунун оозунда турупмун.

- Ээ айланайын парвардигар, кереметиңен айланайын кудай, ушунуңа шүгүр! - Сагын эне жакасын кармана шыпшынып алды.

- Үнүм кудайга жетип, арманым арылаар күн бар бекен, ушуну менен азабым бүтөбү же дагы аңдыгандар шорумду катырабы, жараткан ай! - Перизат үшкүрүнүп алды.

- Кой, балам, көп зарлана бербе, уулуң инисин зор керемет менен таап келип отурат, ал безерлерге жараткан өз жазасын бергендир...

- Билбейм, апаке, мынчалык эле менин тагдырым неге татаал болуп калды экен, жараткан ай, не жазыгым бар эле?!

- Антип аллага акаарат келтирген болбойт, кудай деп туралы…

- Ооба, апаке, андан башка аргам деле жок, алланын ушунусуна ыраазымын, балдарымдын маңдайымда отурганына шүгүр! - Перизат кичүү уулун башынан сылай шуу үшкүрө ичтеги түтөгөн арманын бүркүп алгандай болду. Томпоңдоп жаны тынбай ойноп отурчу Мухаммедали көп ойнобой отурган жеринде отура берчү болгонун байкап калган Перизат андан көңүлү тынбай докторго алып бармак болду эле, Улан аны токтотуп койду:

- Апа, көп тынчсызданбаңыз, коркуп калган, акырындап өзүнө келет, коркпоңуз.

- Кайдан билейин, уулум, мурункудай эмес, ушул бойдон калып калса эмне болот деп корком да, - деп дагы ыйлап алды.

- Кой, балам, өтө эле жашык болуп кеттиң, кантейин. Жашыңда көп азапты балдарыңдын айынан тартып калдың, эми өзүңдү карап, санааркаганыңды токтот, - деген апасынын сөзүнөн кийин канчалык өзүн кармап ойлонбоюн десе деле күндүр-түндүр белгисиз адамдар келип балдарын колунан жулуп кетчүдөй боло берди. Намаз окуганда ар убак эки уулунун өмүрүн, келечек бактысын тилеп отурат.

Бир күнү алардын эшиги күүгүм ченде кагылды. Үрпөйө калган Перизат эшикти ачпай балдарын бекитип, анан колуна бычак алып апасын карады:

- Апа, сен тиги төркү үйгө кирип тур, чоочун адамдар болсо ушу жерден өлтүрүп же өлүп тынам! - деп көздөрүнөн заар чача ушул азыр аял эмес эле жаралуу арстан турган өңдүү эненин көзү жалтанып кетти. Сырттагы белгисиз адамдардын эмес, өз кызынын заарынан чоочуган Сагын эне үндөбөй бөлмөгө өтүп кетти. Перизат бүткөн бою калч-калч эте денесинен тер кетип эшикти ачып жиберди. Бет алдында турган көздөрү чакчая бычак көтөрүп турган аялды көргөндө босогодо турган эки адамдын оозунан сөзү түшүп, бир бирин карап туруп, анан бири араң сөзгө келди. Канчалык кылмыш кылып жүрүшсө да ушу алсыз аялдын алдында өздөрүн бечара сезип турду. Анткени бүгүн алар күнөөлөрүн мойнуна алып, кечирим сурамак болуп келген эле:

- Эже, эже, сизге эмне болду? Биз сизге жөн-жай эле келгенбиз… - дегенде гана Перизат бир азга калчылдай туруп:

- Силер кимсиңер, эмнеге келдиңер? - деди өктөм.

- Эже, ичке кирели, кыргызда келген конокту үйгө кирип нан ооз тийгизбей туруп сурабайт го неге келгенин.

Ушул убакта Сагын эне чыга калды. Эки уулу да бөлмөсүнөн чыга келгенде Уланды көрүп бири селт этип алды.

- Кызым, өзүңдү кармачы, жөн-жай келген балдар экен, чоочубачы, каралдым… - эне Перизатты колтуктап отургучка отургузду да, - Келгиле, айланайындар, кызым чоочуп жүрөгү калып калган эле… - деп тигилерге орун көрсөттү.

Тигил экөө бир топко бири бирин карап, Уланды карап, Перизат тынчтанып калчылдаганы токтогуча үнсүз отурушту. Бирок бир сөз чыкса эле балээ болооруна көздөрү жетип калган.

- Эне, - деди бири, - Биз сиздердин алдыңыздарда күнөөлүүбүз, аны сиздер да билесиздер, ошонүчүн кечирим сураганы келгенбиз… - ал сүйлөп жатканда колдору өзүнөн өзү кыймылдап калчылдай баштаган Перизатты Сагын эне улам басып отурду.

- Ырас, биздин күнөөбүз чоң, Бакытты… - деп келатканда Перизат ордунан тура калып бакырып жиберди:

- Эмне-ее?! Силер өлтүрдүңөр беле, анын жанын чыркыратып туруп силер алдыңар беле???

- Ооба, ооба, эже, анын биз үчүн күнөөсү чоң болчу, бирок бизди анын арбагы тынч койбой атат, ошондуктан мында келдик, алдыңызда турабыз, эмне кылсаңыз да өзүңүз билиңиз! - деди бири.

- Кудай ай! - деп алды Перизат, - байкушум ай, мен силердин жолуңарга кирип алганын билбей калбадымбы!

- Эже, бизди кечириңиз! - деди да, болгон окуяны айта баштады…

Бакыт жумуштан келатканда анын алдынан тээ балалык кезде бирге окуган классташы жолугуп калды.

- Ээ, кандай Бакыт, көрүшпөгөнүбүзгө канча жыл болду? Жүрү, бир жерге отуруп жолугушканыбыз үчүн бирден пиво ичели, - тигил божурап аны менен кол алышып учурашты.

- Жакшы, Жоомарт. Өзүң кандай, жакшыбы?

- Эң жакшы, көрүп турбайсыңбы, итим чөп жаткан кези.

Экөө көчөнүн бурулушундагы жайкы пивоканага келип шашлык менен пиво ичип отурушуп, Жоомарт Бакытты сынагандай карады. Бакыт анын чиренип отурганына ичинен жини келе: "Энеңди, жетишпеген эле адамдын баласы эле, бул кайдан мындай крутой болуп кетти экен?" - деген ойду ойлоп, сыртынан билгизбей жайдары сурады:

- Бизнестин көзүн тапкансың го, мындай эмес элеңер.. Үйбүлө күттүңбү, ата-энеңдер айылдабы? - деп сурап койду.

- Оо досум, баары жайында, айылдагы үйдүн ордуна эки кабат үй салгам. Ата-энем кудайга шүгүр, тапканыма кубанып калышат. Айылдын бардар, кадыр-барктууларынан. Ини-карындаштарыма жардам берип, аларды крупный соодага отургузуп койгом.

- Жакшы экен. Аял албагансыңбы?

- Эмнеге, аял деген баскан жолумда, бирден төрөп алып кала беришет, акең жылт коюп сулуусуна, жашына кете берет, - Жоомарт карсылдай күлүп койду.

- Молодец, азаматтык кылыпсың, башыңды бир катынга бийлетип туткунда калбай.

- Ананчы, бир келген өмүрдү ошентип колдон келишинче пайдалана билиш керек, колуңан келбесе өзүңдү өзүң кор кылып жипсиз байланып машакат менен өтөсүң.

- Айтчы, Жоомарт, жашыруун болбосо сени менен иштесе болобу? - Бакыт кызыга да, ичи күйгөндөй сынай да сурап койду, - Бул ишиң арамдан таба турган дүнүйө эмеспи, болбосо билем го силерди, кандай начар турчу элеңер, кезинде бизден далай эле ун сурап жүрчү эмес беле апаң!

Жоомарт мостойо түштү. Баятан берки анын алдында чыкчырыла өйдөсүнгөнү түккө турбай калгансыды. Бакыттын ата-энеси абдан жакшы турчу, Бакыт жалгыз бала болгондуктан анын айтканын аткараар эле. Бир жолу ага велосипед алып бергенде Жоомарт анын жанына келип: "Эй Бакыт, мени учкаштырып алчы", - деп айтканда Бакыт: "Атаңа алдырып албайсыңбы", - десе өзү курдуу дагы бир бала: "Булар нанга жетпей сурап жүрүшөт, велосипед алып бермек беле?" - деди эле, балдардын баары күлүп калышкан. Заматта Жоомарттын көз алдынан ошолор чубап өтүп, калп каткыра:

- Ээ досум, ата-энем жашаялмет болушкан экен. Дагы жакшы, бизди өлтүрбөй чоңойтушкан. Эми мен бардармын, ата-энем азыр сураганга беришет, ал эми сенин ата-энең да, бир тууганың да жок, жападан жалгызсың, ошондон кудай сактасын! - деп чылым күйгүзө стулга чиренип отуруп калды. Бакыт үндөбөй калып, бир аздан кийин:

- Тагдырды жазгырууга болбойт экен да, ата-энем менин төрүмдө отуруп тапканымды ооз тийген болсо жетпегениме кайыл элем, мен деле кудайга шүгүр, ишим жаман эмес. Үй толтура дүнүйө, аялым, эки уулум бар, жашоом ойдогудай, - деп ордунан туруп кеткенге камынып, - эмесе коштошолу, дагы жолугушабыз, - деп жөнөй берерде Жоомарт:

- Бакыт, бир аз токтой тур, эгер жакшы акча тапкың келсе жумуш таап берем! - деди.

- Жоок, Жоомарт, барына шүгүр дейин, айттым го, баары бар, оокатым ойдогудай.

- Биз жаңы эле жолуктук да, а сен кеткенче шашасың, - Жоомарт чын досун көргөндөй, аны сагынып калгандай эки ийинден ала: - Сүйлөшөөр сөздү сүйлөшүп бүтө элекпиз да?

- Дагы бир жолугаарбыз, азыр үйгө барбасам болбойт, - бакыт токтобой басып кетээрде:

- Бир жолку каттаганың миллионго турат, а сен айлап-жылдап да чогулта албайсың анча акчаны, эгер макул десең эртең жолугалы, мен сага аванс катары жарым миллионду дароо берем! - Жоомарт эмне дээр экен деп карап калды. Ал оюнда: "Дүнүйө, акча, алтын кимди азгырбаган, макул болбой көр", - деп сынап турган.

- Ал эмне деген жумуш? Жарым миллионду жарым жыл иштесе да таппай турган акча эмеспи? - Кызыга туруп калды.

- Эң жөнөкөй. Ойлонуп көр да, эртең ушул жерге кел, мен акчаны ала келем.

- Макул, ойлонуп көрөйүн. Эгер көңүлүмө туура келсе келем, эгер айнысам келе албайм, анда мени саат үчтөн кийин күтпө, - Бакыт бурулуп басып кетти.

- Сүйлөштүк, мен сага ишенем, кантсе да бала кезден бери бири бирибизди билебиз да, - Жоомарт: "Келбей кайда барат элең, ансыз да миллионду укканда алапайыңды таппай калдың", - деп кытмыр жылмайып алып жолго түштү.

Эртеси белгиленген убакта Бакыт келди. Анын келгенин көргөндө Жоомарт кубана тосуп алды.

- Оо досум, келдиңби?

- Келдим, кана айтчуңду айт.

- Адегенде акчаны бер дебейсиңби, - Жоомарт каткырып койду.

- Жоомарт, алдын ала мен жасай турган ишти айтып көр, анан көрөм.

- Азыр, - Жоомарт Бакыттын ийинине колун койо, - иш оңой эле, сен бир айда эки жолу мен берген буюмду Алматыга дарек боюнча жеткирип турасың, башка эч кыйынчылык жок. Машина болот.

- Ал эмне болгон буюм?

- Эртең ушул жерге кел, ошондо көрөсүң, азыр муну ал да, үйүңө бара бер! - Жоомарт колундагы пакетке оролуп салынган акчаны сунду, - туура жарым миллион.

- Эртең канчада? - Пакетти алып жатып сурады.

- Саат ондо.

- Болуптур, - Бакыт эки жагын карай жолго түштү.

Ошол күнү үйүнө келип Перизатка эмне деп айтаарын билбей өзүнчө күнөөлүүдөй кыжаалат болуп атты. Акыры Уландан чочулап түндөсү өздөрүнчө жаткандан кийин акырын мындай деди:

- Перизат, бүгүн бир укмуш күн болду, жана жумуштан келе жатсам жол боюнан машина жүрүп кетти, ал жылаар менен бир пакет түшүп калгандай болду, бутум менен тээп көрсөм ичинде буюм бардай, алып ичин карасам шумдук! Пачка-пачка акча, доллар экен, унчукпай алып келе бердим, - деп калп айтты ал аялын чоочутуп албайын деген ойдо.

- Кайда койдуң анан, үйгө пакет алып кирген жоксуң го?

- Улан көрсө бирдеме дейби деп сыртка бекитип койгом.

- Анда-аа, анда аны ичи-жигин билдирбей эле бекитип койолу. Издеген эч ким жок болсо көрөбүз, кокус жоготкон ээси табылып калса берип койобуз.

- Макул, бирок ээси кайдан чыкмак эле, кайда түшкөнүн билбей калды да.

- Ошентсе да… - Перизат ойлонуп калды, - азыр балдар уктап жатканда алып кир, катып койолу.

- Азыр, - Бакыт сыртка чыгып пакетти үйгө тез эле алып кирди. Перизат аны ачпастан сандыгына салып кулпулап койду.

Андан кийин эч нерсе билбейт деген кыязда кийинки акчаны Перизат жокто сандыкка салып койду. Ошол бойдон Бакыт эч нерсе билдирбеди. Кийинки алган акчаларын короосунун ичиндеги жыйылган жыгачтардын түбүнө коюп бекитип жүрдү. Ал үч ай иштеди, үч миллион алды. Дагы бир жолку барышында алып барган чемоданды ачып көргөн Ашыр каардана:

- Сен мени алдагың келдиби? - деп жанындагыларга жаңдап койгондо алар тарс-турс коюп калышты.

- Шеф, бул эмне кылганыңыз, мен бергенин алып келдим го? - Бакыт канап кеткен оозун аарчый таңгала сурады.

- Кууланбай, берген "товарды" өзүң алып бизди алдагың келген экен да?!

- Жок, эч кандай куулугум жок, кандай берсе ошондой жеткиргем.

- Бас жаагыңды! - Ашыр телефон чалып Жоомарт менен сүйлөшкөндөй болду, - Жо-ок! - деп кыйкырып жиберди ал, - Сен күчүгүң экөөң эми менден кутула албайсыңар?! - Ошентип каарданган Ашыр Бакытты буту-колун буудуруп салды. Кайрадан телефондон, - Эгер ордундагыдай кылып алып келип бербесең сени да, мунуңду да тирүү койбойм!

Эртеси Жоомарт өзү келип Бакытты алып кетти. Бакыт анын эмне алып келгенин, өзүн кантип куткарганын биле албады. Тек өзүнүн туура эмес жолду басып алганын сезди.

Келгенден кийин ачууланып Жоомарт менен уруша кетти:

- Акмак, мен сага ишенип жүрсө, бул эмне кылганың, эмнеге куру чемоданды көтөртүп койдуң?

- Ха-ха-ха! Байлыкты кантип тапкандын сырын түшүнсүн дедим, - Жоомарт кытмыр жылмая карады.

- Эн-неңди, салпаяк, сенден байлык сурадымбы мен, сендей томаяк эмесмин, башынан бардар жашаган үйдө өскөнмүн, сенчилеп сындырым нанга зар болуп чоңойгон эмесмин!!!

- Көрөбүз… - Жоомарт кыжынып алды, - сенин балдарыңды нан эмес, жугунду суратып ичиремин!

- Балдарым эч качан ансыз калбайт, мен өлсөм да баарын даярдап койгом! - Бакыт ылдамдай басып баратканда Жоомарт алдын тосо калды:

- Сен кутулам деп турасыңбы? Билсең, менин ата-энемди шылдың кылганың үчүн сенден өч алууга баарын мен жасагам, эми кутулуп көр!

- Төрөлгөн соң башта бир өлүм бар, мен сенден коркпойм эч качан! - Бакыт Жоомартты жолунан түртүп коюп басып кетти.

Ал ошондон баштап ойлуу болуп кетти. Үйүндө короого каткан акчаларын банкка салып койду. Документтерин үйгө алып келип катып, өз өлүмүн күтүп жатты…

Ушуну айткан тигил экөө жалдырап отуруп калышты. Перизат ошондо гана туруп барып сандыкты ачып, баягы бекиткен акча менен документтерди таап чыкты. Көрсө Бакыт өзү жокто кыйналбасын үчүн акчаны банкка салып, эки уулу менен аялына берүүсү жөнүндөгү ишенич катын кошо салып койгон экен. Акчаны, документтерди кайра сандыкка салып, тигилерди карады. Тиги чоочун адамдардын бири сөз баштады:

- Булардын баарын Жоомартка күйөөңүз өзү айткан экен. Биз балаңызды алып кеткенден үч күн өткөндөн кийин шумдуктуу окуялар болду. Күндө жанында ак көйнөкчөн аял пайда болуп, баланы уктатып, ага бизди тийгизбейт. Анан бир күнү бир чоң куш пайда болуп, балаңызды көтөрүп качканда атып салууга үлгүртпөй үчөө-төртөөбүздү тээп өлтүрдү, куштун көз карашы кадимки адамдыкындай. Азыр ошол көздү тигил чоң уулуңуздан көрүп коркуп кеттик, бизди кечирип койгула, балаңыздын керемети бизди жаман жолдон кайтып, кудайды таанууга аргасыз кылды!

- Уулуңуздун күчү башкача экен, кудай сүйүп жараткан тура, мына муну биздин айыбыбызды кечирүү үчүн алдыңызга алып келдик! - Перизаттын алдына дипломат койду, - он миллион!

- Ооба, күнөөбүздү кечирип коюңуз - Экөө тең чөгөлөй калышты.

- Кечириңиз, арбагы кечирсин Бакыттын, экинчи силердин жашооңорго кийлигишпейбиз, бакыбат жашаңыздар!

- Арбагы ыраазы болсун, Бакыттын ой-максаты такыр башка эле, кайдан дагы ушул ишке кабылып калды экен? - Перизат көзүнүн жашын аарчыды, - Бул акчаңарды алып эле кеткиле, кереги жок!

- Апа, атамдын маңдайына жазылган жашоосу ошол эле да, мына булар деле көп узабайт, күнөөлөрү көп, бул акчалар дагы кан менен табылган, биз аны бейбечараларга таратып беребиз! - деп Улан айтканда тигил экөө көздөрүн алайта:

- Биз кетели!

- Жакшы калгыла! - деген бойдон үйдөн чыккыча шашышты.

Перизат заматта мынча байлыкка ээ болом деп ойлогон эмес: "Балким дагы бир балээси чыгабы, мүмкүн сынап таштагандыр, балдарыма зыяны тийбесе экен", - деп телмирип отуруп калды. Улан апасынын жанына отура калып көзүнүн жашын аарчый:

- Апа, баары артта калды, алар эми эч качан келбейт. Атамды өлүмгө кириптер кылган неменин бири жанагы. Ал өзүн жашырып койду. Баарынын жолу тосулуу, жакында баары жок болот, - деди.

- Садагам ай, аман эле болсоңор экен, деги силердин жамандыгыңарды көрбөсөм болду… - эки уулун эки жагына кучактап алып көзүнүн жашы жамгырдай төгүлүп кулак үстүндөгү булая түшкөн аппак чачтары жоолук астынан көрүнүп турду. Сагын эне да болуп жаткан окуя түшүндө болуп жаткандай таң калып отуруп эсине келе кызынын жанына бөжөйүп келип отурду:

- Кызым, бул де болсо алланын буйругу, ушуга шүгүр де. Алланын ар бир азабына, жыргалына да "шүгүр" кылган адамды өзү колдойт, мындан ары баары жакшы болот. Эртең Бакыттын арбагына куран окуталы, арбак ыраазы болбой тирүүнүн иши оңолбойт, балам.

- Ошентели, апа. Бул акчага эмес, өзүбүздүн акчага бир кой сатып алалы… - Перизат ойлуу төшөгүнө кыңкайды, - апа, жаталы эми.

Эртеси айыл-апаны чакыртып күйөөсүнө куран окутту да, шаардагы банкка барып кассадагы акчаны билип келүүнү ойлоду. Арадан бир жума өткөндө банкка барып документин көргөздү эле, баары туура чыкты. Кассадагы улгайган аял ага:

- Кызым, бул акчаңардын баарын алсаңар да, бөлүп алсаңар да болот, атайы эки уулуна мурас катары калтырган экен, - деди.

- Жок, эжекебай, тура берсин, - деди Перизат, - Балдар чоңойгондо алардын атына котором, үстүнө дагы кошом, эртең келейин.

- Жакшы болот, акчаңарга кошулуп турат, эч камтама болбо, - жылмая карады аял.

- Жакшы калыңыз! - Перизат чыгып кетти. Үйүнө келип баягы эки миллионду дагы кошуп коюуну ойлоп, эртеси эле алып барды да, кассага кошуп койду.

Көңүлү тынгандан кийин шаардан үй издеп, эки кабат үй алды. Баары көңүлдөгүдөй, короосунда бассейни бар, чарбактуу өзгөчө үй экен, көчүп келип кирип алды. Уланды докторлорго текшертип: "Тубаса көзү ачык, алдын ала тагдырды биле турган өзгөчөлүгү бар, элдик дарыгер", - деген кагаз алды да, оорулууларды көрүүгө уруксат алды.

Перизат өзүн колго алып, көңүлү тынгандан кийин кайрадан кулпуруп чыга келди. Анын абалын көрүп санаасы тынган Сагын эне жетимиш жети жашында ошол үйдөн көз жумду. Апасынын ызаатын кылгандан кийин Перизат машина алды. Адегенде өзү окуп машинага укук алгандан кийин Уланды жанына салып жүрүп ага үйрөтүп койду. Улан күндө адамдарды кабыл алат, анын адамдардын өлөөрүн күн мурунтан айтып койорун Перизат билип туруп унчукпай койо албады.

- Уулум, ошонуңду мындай эле койчу, каралдым. Өз өлүмүн угуп, анан күтүү өтө оор, айтпай жүр.

- Апа, мага көрсөтүп жатышса, көзүм менен көрүп турсам кантип айтпай койом?

- Балам, мындай бир жымсалдатып, жумшак эле айтып кой!

- Макул, апа, - Улан ойлуу апасынын сөзүнө муюп калды.

Антип-минткиче убакыт өтүп, Мухаммедали да чоңоюп, төртүнчү класска окуп калды. Ал баягыдай эле көп сүйлөбөйт, кагаз менен алышып отура берет. Ал ыр жазат, күнү-түнү ойлонгону ойлонгон. Перизат уулунун жазган ырларын окуп алып бирде көзүнө жаш алса, бирде аны кучактап алып өпкүлөп, дилинде да сыртында да кудайга миң мертебе жалынып-жалбарып алат.

Жылдар алмашкан сайын Перизаттын тарткан азап-кайгысы көргөн жаман түштөй унутулуп баратты. Ал эми чоң дүкөн сатып алды. Банктагы акчасына ай сайын кошуп турат. Улан он алтыга чыкканда түп тамырынан бери документ жасатып, ага котортуп койду. Түшүндө көрбөгөндөй бакытка Уландын арты менен, анын айыпсыз сүйүүнүн айынан өлгөн апасынын арбагы жардам бергенин сезип-туюп, ар убак арбактарга куран окутуп, бейбечараларга жардам берип турат. Бир жолу ал ЦУМдун жанынан өтүп баратып бала алып отурган аялга боору ооруп элге көрсөтпөй миң сом берип өтүп кетти: "Бул менин адамдарга кылган соопкерчилигим, мен минтип кокусунан эле байлыкка оронуп жатсам, бирөөлөр керээлден кечке бир сомдон жыйып отурса теңчилик болобу?" - деп өзүнчө ойлонуп алды. Бирок жер жүзүндөгү бейбечараларды жалгыз анын байлыгы менен сактап калууга болмок беле? Бири кем дүйнөдө бирөөлөр май чайнап, байлыгын кайда жумшаарын билбей жүрсө, бирөөлөр жарты нанга, кийээр кийимге, жакшы сөзгө зар болуп жашап өтөөрү белгилүү го? Перизат балдар үйүнө, карылар үйүнө ар дайым жардам берип жүрчү. Бир жолу ал жердеги калыссыздыкты сезип калгандан кийин өз колу менен таратып берет. Көрсө бейбечаралардын атына келген кайрымдуулуктун жардамын бөлүп алчуулардын бирин өз көзү менен көргөндөн кийин ишенбей калган тура. Аттиң бейбечаралардын насибин бөлө тартып жеген ач көздөр момундарды соруп келери бышык.

***

Ахунжан аялынын төрөбөй турганын уккандан кийин көпкө чейин жаман абалда жүрдү: "Мен үчүн бардык азап тозокко чыдап жүрсө, төрөбөйсүң деп мен ажырашып кетсем адамгерчилик болбойт го, анын үстүнө мен аны сүйөм, ансыз жашай албайм", - деп ойлоп үйүнө келип ойлуу отуруп калды. Анын ойлуу отурганын Гүлкайыр сезди: "Кудай ай, төрөбөй калдым го, Ахунжан ошого капа болуп аткандыр", - деп ички үйдөн чыгып келатып босогого туруп калды. Аны көрө койгон кайненеси:

- Ийи, эмеле экөөң чогуу келбедиңерби, доктур эмне деди, алдырмак болдуңарбы?

- Ооба, эртең алдырат, - Ахунжан кыска жооп берип энесин жактырбагандай өз бөлмөсүнө өтүп кетти, ашыкча сүйлөшүүнү жактырбады. Гүлкайыр өз ичинен санааркап атты. Эртеси барып боюнан алдырып эки саат жатып үйүнө келди. Келгенден кийин кайненеси анын жатып алганын көрүп чаңкылдап кирди:

- Манас төрөп койгонсуп чалкалап жатып алганын кара, сендей убагымда төрөп эле кир жууп, суу ташып жүрүп өлгөн эмесмин. Же бала төрөй албасаң, эмнеңди бүлө кылам, ыя? Тур, күйөөңдүн кирлерин жууп коюп тамак жаса, эми эле кеч кирип кетет! -мурдун чүйрө сыртка чыгып кетти. Гүлкайыр алсырап турса да көзүнүн жашын көрсөтпөй сыгып алып сыртка кир жууганы чыкты. Боюнан алдырып келгенден эчтеке иче элек эле, ичи эңшерилип, көңүлү караңгылап атып зорго кир жууду. Кан кетип, ого бетер алсырады. Эми кирди жайып теңселе босогону кармай үйгө кирип келатканда Мистекан:

- Бүттүңбү, мына бул этти казанга кууруп оокат жаса, - деп табактагы этти көрсөтө төргө кыңкайып жата кетти.

- Апа… апа, көңүлүм караңгылап атат, өзүм да кан кеткенге алсырап атам, бир аз жатып эс алып алайынчы?

- Дегеле, дегеле муну кара ой, эс алачагын, кан кетсе өлбөйсүң, тамак жасагандан кийин биротоло жатасың!

- Жаным жер тартып турат, эчтеке ичпегенге…

- Ай, сен эмне мени менен айтышып турасың, өлбөйсүң дедимби, өлбөйсүң, бол эрте! - Мистекан чыгып кетип калды силкинген бойдон. Аргасыз жыгылганы турса да этти туурап, от жагып казанды асты да этти кууруп суу куюп коюп үйгө кирип бир аз жата турайын деген ойдо баратып көзү караңгылап жыгылып түштү. Жерге кан жайылган. Канча жатканы белгисиз, Ахунжан келгенде Мистекан аны үйгө киргизип төшөккө ороп жаткырып койгон экен. Кийимин алмаштырып, кан болгон ич кийимин которуп коюптур, эч нерсе билбей жатканда аны күйөөсү ооруканага алып барды. Үч күндөн кийин көзүн ачкан Гүлкайыр жанында отурган Ахунжанды көрүп башын көтөрө калды:

- Мен кайдамын? - үнү зорго чыкты.

- Тынч жат, Гүлкайыр, үч күндөн бери жаныңда отурам, тынч жатып эс албай иш кылган окшойсуң?

- Аа-аа, - Гүлкайыр бирдеме деп айткысы келип барып кайра унчукпай калды. Ал ошол жаткан калыбында көз алдына боюнан алдырып барган күндү келтирип кайненесин эстегенде чоочуп ордунан дагы обдула калды, - апам урушуп жүрбөсүн жатып алганымды көрсө?

- Урушпайт, ошонун айынан оорулуу болдуң, мен сени ал үйдөн алып кетпесем өлтүрүп тынат.

- Кайда Ахун, - Гүлкайыр дайым аны ушинтип атайт, - Үйүңдөн кетип кайда бармаксың? "Бир катындын артынан ээрчип кетти", - деген сөзгө калып жүрбө?!

- Эмне десе ошо десин, кетебиз ал үйдөн, - Ахунжан Гүлкайырды эңкейип чачтарынан сылай бетинен өптү, - сен мени кечирип кой жаным, бактылуу кылалбадым.

- Койсоңчу, Ахун, сенин маңдайымда аман жүргөнүң мен үчүн бакыт эмей эмне, ооруп калсам кашымдан кетпейсиң, арадан он жылдай өтсө да жаман сөзүңдү укканым жок, - Гүлкайыр алсыз анын колдорун сылай жылмайып койду, - арманым… - ал бир азга ойлуу мелтиреп жатып анан көздөрүн жалжылдата сүйлөп кирди, - Арманым сени балалуу кыла албаганым… - Ал азыр апасы жөнүндө айтып ийе жаздап анан башкага бурду сөзүн, - төрөбөй калсам сен мени менен жашамак белең, ушундайда эч жакка кетпей эле мени үйүмө жөнөтүп коюп өзүң үйлөн, мени менен кетем, бөлүнөм деп убара болбо.

- Ал эмне дегениң, мен сенсиз жашабайм, эгер сен антчү болсоң мен өзүмдү өлтүрүп салам!

- Койчу… - ушул убакта сестра кирип:

- Көп сүйлөтпөңүз, өзүнө келди, эми сиз бара берсеңиз болот, биз карап турабыз, жүрөгү начар экен, дагы көпкө дарыланышы керек!

- Макул, мен барайын, кечинде келем, көп ойлонбой жакшы эс ал, - Ахунжан аялынын чекесинен өөп коюп чыгып кетти.

- Күйөөңүз аябай сүйсө керек сизди? - сестра Гүлкайырды жылмая суроолуу карады.

- Ии, - Гүлкайыр да башын ийкей жылмайып койду. Анын ушул кездеги жылмайышы чындап эле, өтө арык, жүзү апакай болуп оорунун айынан ого бетер жүзү кубарып кашы көзү капкара болуп чачтары уйпалашып жарашып турган.

- Сиз аябай сулуу экенсиз, - Сестра аны карай суктана туруп калды, - Мындай сулуулукту чанда жанга берсе керек кудайым.

- Койсоңчу, кайдагы сулуулукту айтасың, чоң кыз, ушул өңү-түсүм мени бактылуу кылат деп ойлоочу элем…

- Эмне, сиз бактысызсызбы? - Сестра аны таң кала карады.

- Жок, жок, андай эмес, бактылуумун! - Гүлкайыр байкабай сүйлөп алганына чоочуп кетти.

- Азыр укол алыңыз, анан сизге кардиолог келип көрөт, эгер ооруңузду дарылоо керек болсо кардиологияга которот.

- Мм, - Гүлкайыр кайдыгер гана кала берди. Аны көргөн врач чындап эле башка ооруканага которуп койду. Негедир аны көргөн доктор жанында отуруп көпкө тамырын кармап, улам жүзүнө уурдана карап, анан чыгып кетти. Гүлкайыр аны көңүлүнө деле албады. Эртеси келгенде жанындагы Ахунжанды көрүп эч нерсе дебей оорулуунун абалын текшерип көрүп болгондон кийин:

- Колуктуңбу? - деди аны карап.

- Ооба.

- Бул кыздын абалы өтө оор экен, жүрөгү начар, көп ойлонот тура, - доктор Ахунжанды көзүнө тик карады, - сен муну көп урасыңбы?

- Жок, урмак турсун жаман айтпайм.

- Кызык, көп азап чеккендей, жүрөк абдан начарлап кеткен, өзү жапжаш болуп туруп мындай ооруга кайдан чалдыгып жүрөт?

- Мм, билбейм…

- Мындай ооруга көп азап тартып, санаадан жапа чеккен адам гана чалдыгат. Болуптур, дарылайбыз, чоң кыз бир айдан кийин куландан соо болуп кетет, бирок кайра кармабасын үчүн буга тынчтык керек! - деп коюп доктор палатадан чыкты. Эртеси ага келген врач жылмая колдорун кармап тамырынын кагышын текшерип отурду. Үндөбөй көпкө отурду. Анын колун көпкө кармап отура бергенинен Гүлкайыр кысынып атты. Бир топтон кийин гана:

- Балдарың барбы? - деди.

- Жок…

- Аа-аа, сага мындан ары да төрөгөнгө болбойт, денсоолугуңду кара, сендей сулуу кыздар кандай гана жигитке туш болот а? - деп түз эле суктанганын жашырбай сурап койду.

- Сулуу… сулуулук бакыт алып келбейт экен го, анын эмнесин айтасыз, - Гүлкайыр башын ары буруп кетти.

- Жок, Гүлкайыр, сен жаңылып жатасың, дүйнө жүзү сулуулуктан куралган, сулуулук кимди гана каратпайт, сүйдүрбөйт… - доктор ойлуу ары бери басты. Дагы бирдеме демек болгондо Ахунжан палатанын эшигин ачты. Аны көргөн доктор:

- Кириңиз, колуктуңуз жакшы болуп калды, тынчтык гана керек, ачуу сөз, көңүл ооруткан мамиле болбойт! - деди да чыгып кетти.

- Гүкү, кандай деги, жакшы сезип калдыңбы өзүңдү, - Ахунжан келип эки бетинен өөп жанына отуруп жатып, - ооруканадан чыксаң эле өзүбүзчө жашайбыз, үй таап койдум, - деди кубана.

- Апамдар эмне дешет, сен аларга айткан жоксуңбу?

- Айтканда айтпаганда эмне, билгенин кылсын, ата-энем мага жашоо берип бул дүйнөгө алып келди, бирок менин бактылуу болушумду каалашпайт, сен менин апам жакшы болгондо оорубайт болчусуң!

Гүлкайырдын көзүнөн жаш тегерене түштү: "Байкуш апам ай, жалгыз кызыңан тирүүлөй айрылып карып болдуң го, тирүү экеним же өлүү экенимди билбей жол карап көзүң талыды го?" - деп ойлонуп жатып калды. Бир топко үнсүз отурган Ахунжан кетүүгө камынды:

- Көп ойлоно бербесең жаным, сен чыксаң мен иштеген айлыгымды чогултуп туруп сени айылга алып барам, эгер туура келсе ошол жакта калып калабыз, макулбу?

- Көрөөрбүз, убагы келсинчи, - Гүлкайыр ойлуу күйөөсүн жылмая карады.

- Жакшы жат, көп ойлонбой айыгып чык, сен сакайсаң эле баары жакшы болот! - Ахунжан дагы эки бетинен, колунан өөп чыгып баратып колун көтөрүп койду, - Жакшы жат.

Доктор ошондон тартып Гүлкайырга көп келип абалын сурап, дары-дармектерди күчтүүлөтүп берип жакшы карап жатты. Бир күнү анын туулган күнүн историясынан көрүп алып эртең менен эрте гүл берип жибериптир. Арасында кичинекей кат бар экен: "Гүлкайыр, менин бул белегимди туура эмес кабыл аларыңды түшүнөм, анткени күйөөң бар, бирок менин абалымды да түшүн, сени көргөндөн бери жашоомо жаз киргендей болду. Мен сүйүүдөн жабыр тарткан жанмын, сүйүп сүйүүмө жетпей калгам. Ырас сенден бир топ улуумун. Жүрөк эңсөөсүн басып көңүл кушун көкөлөтчү өзүң гана болчудайсың, кыйнабайм, ойлонуп көр! Насыр" деген катты окуган Гүлкайыр өзүнүн туулган күнү экенин унутуп койгонуна таң калды: "Тобо-оо, эми эмне кылам, өзүмдүн сүйгөнүм кашымда турса кантип мен аны сүймөк элем, кызык…" деген ойдо докторду көз алдына келтирип жата берди.

Туура бир ай дегенде аны ооруканадан чыгарышты. Бирок Ахунжан келбей кечигип жатты: "Менин бүгүн чыгаарымды билет, эмнеге кечигип жатат, ата-энеси жибербей жатабы?" - деп сырттагы отургучта отурганда доктор жанына келип отурду:

- Күйөөң келдиби?

- Ийи, кечигип жата го?

- Кабатыр болбо, келип калаар, келгиче ордуңда жатып тур.

- Рахмат сизге доктор, - Гүлкайыр тике карай албай жооп берди. Ахунжанды үч күн күттү, келбегенинен андан түңүлө албай: "Эми эмне кылам, кете берейин десем колумда тыйыным жок, же кийип кетээр кийимим жок. Ага эмне болду, эми төрөбөйт, аны эмне кыласың деп бузушкан экен", - деп ыйлап алды: "Жалаң Ахунжан деп энемди, агамды бир көрүүгө зар болуп куурабадым беле, ишенип жүргөнүмчү, ай кудайым ай, ушинтип талаада калмакмынбы, мага чала!"

Доктор ошол күнү аны өзүнүн үйүнө ээрчитип барды, кийээр кийими, жол каражаты жоктугунан аргасыз барды да, кечке маал кайнатасынын үйүнө барууга доктордон уруксат сурады. Кайнатасынын үйүнө ооруканадан жыйырма тыйын менен барып аярлай басып короонун четине жеткенде чоочуп кетти. Үйдүн короосунун ичинде боз үй тигилип бир топ адамдар жүргөн эле. Гүлкайыр кандай жүгүрүп кирип барганын сезбей калды. Боз үйдүн эшигинде кайнатасы менен кайнагасы отурган эле, келинди тааныган бир келин жүгүрүп үйгө кирип анын келгенин айтты эле Мистекан чыга калып эч нерсе түшүнбөй дел болуп турган Гүлкайырга жулунуп кирди:

- Өлүгүңдү көрөйүн кара бет, уулумдун башын жутканың аз келгенсип эми эмнеге келдиң, жогол!

- Эмне дейсиз, Ахунжан кана? - Гүлкайыр кайненесинин кыйкырганына карабай дале эмне болгонуна түшүнбөй сурап жатты.

- Кара бет, Ахунжандан айрылып калдык, эмнеге келдиң, сенин айыңдан өлдү!!!

- Ыя, өлдү дейсизби, кантип мени таштады, жок жок!!! - Гүлкайыр кайненесин түртүп ийип үйгө кирсе ыйлап отурган аялдар бар экен, өлүк жатчу орун бош, - Кана, мени алдап жатасыңарбы, кана менин Ахунум?

- Аа-а шордуу келин аа, үч күн болду аны жерге бергенибизге, - бир аял шыпшынып алды.

- Жо-ок! - Гүлкайыр өзүн жоготуп жыгылып калды. Андан аркысын билбейт. Көзүн ачса таң кылайып атып калыптыр, короонун сыртына чыгарып кошкон экен. Ботодой боздоп бир топко ыйлап отуруп, анан аргасыз туруп жөнөдү. Кайда баратканын да билбеди, нес боло басып баратып жолго жетип калганын да сезген жок, бир кезде катуу келаткан машина уруп кетти. Канга бойолуп эки, үч метрдей ыргып барып түшкөн Гүлкайырды айдоочу өзү ооруканага жеткирип баарын төлөп кетти. Ооруканада үч ай жатты. Бул арада ага келген бир адам болбоду, балдак менен сыртка чыгып отурса Насыр оорукананын доктору менен артынан келатып көрүп калып аны көздөй ылдамдай басты:

- Оой, мен кимди көрүп турам, сага эмне болду? - деди.

- Ушундай болуп калды… - Гүлжамал да өз бир тууганын көргөндөй эреркеп кетти.

- Деги айтчы эмне болду?

- Мен кайнатамдын үйүнө барсам… - Гүлкайыр отуруп баарын айтып берди, - Ошондой агай, тагдырым ушундай экен…

- Эч нерсе эмес, өзүңдү карма, мындан ары өзүм жардам берем, докторлордон сурап, мага айттырып койсоң болмок.

- Кантип, өзүм деле жакындан бери өзүмө келип баратам.

- Мейли, - Насыр анын колун кыса кармай коштошту да кайра ооруканага кирип кетти.

Андан кийин жакшы айыкканча докторлор абдан жакшы карап жатты. Насырдын аялы жок болгондуктан Гүлкайырды үйүнө чыгарып келип алды. Жүрөк оорусу кармай бергендиктен өзү дарылайт. Алты айдан кийин нике кыйдырып алды. Канчалык ага берилип, жакшы карайын десе да жүрөгү аны сүйбөдү. Насыр менен дагы он жылдай турду. Айтканга он жыл оңой болгон менен Гүлкайыр үчүн ошол жылдар тозокко жете болду. Баары бар, кийим десе кийимдин түрү, акча десе жанында, кадыр бактуу адамдар менен конокто болду, бирок анын эси көөнүнөн Ахунжан кетпеди. Кылт этип эсине түшө калса көзүнө жаш тегеренип кетет. Кийинки күндөрү Насырга өпкө оорусу жабышып алды, өзү доктор болгондуктан билгенинче дарыланды. Акыры ал да алтымыш жашында дүйнөдөн кайтты. Өлөөрүндө балдарынын көзүнчө жыйган акчасынан беш миң сом берип, үй-мүлктөн да бөлүп, үйүн берүүсүн өтүндү. Насырды жерге бергенден кийин Гүлкайыр бир жылдай отурду да арадан туура жыйырма беш жыл өткөндө өз айылын көздөй жөнөдү. Келсе үйүнүн орду бузулган. Жол боюнда телмирип көз жашын төгүп турду эле, бир аял жанына келди.

- Кызым ким керек эле? - деди.

- Бул үйдүн ээлери кайда кеткенин билбейсизби?

- Ал бечара үч төрт жыл мурун өлгөн, жалгыз баласы жаңы көчөдө жашайт. Эмнеси болот элең айланайын? - аял бүшүркөй карады.

- Мен… мен кызынан салам дуба алып келген элем… - деди көз жашын аарчый, - ага эмне деп айтам?

- Алда-аа карангүн ай, ошо жалгыз кызы деги тирүү бекен, байкуш кемпир жалаң ошол кызынын айынан өлдү.

- Жакшы калыңыз, - деген Гүлкайыр ылдамдай басып кетти, көзүндө жаш, көкүрөгүндө өрттөгөн күйүт: "Ушундан көрө өлгөндүн бири болуп келбей койсом эмне, өлүп эле калсамчы", - деп бүт денеси солкулдай боздоп баратты. Издеп жүрүп агасынын үйүн тапты. Агасы көп сүйлөбөгөн түнт неме эле, эмне демек, апасын эскеришти, куран окутушту, өткөн кеткенди сүйлөштү. Агасы бул кезде төрт балалуу болуп калган. Аялы өзүн өзү көтөрүп сүйлөгөн жеңил ойлуу ушакчы келин, келгенден эле жактырбады аны, балдарын да андан алыс кармап, жанына жолотподу. Бир күнү сырттан кирип келаткан Гүлкайыр жеңесинин үнүн угуп токтой калды:

- Энени, аганы сыйлабаган эжеңерди ашык баш кылып эмне кылабыз, жанына жолобогула, мындай неме силерге залакасын тийгизет, дини кайыр немени үйгө да киргизип болбойт!

- Апа коюңузчу, атамдын бир тууганы эмеспи?

- Жап оозуңду, экинчи ошого жан тартып, үгүтүн үйрөнсөңөр өлтүрүп койом!

Гүлкайыр андан аркысын укпады, артка кетенчиктей сыртка чыгып баратып дагы бир жолу өкүнүп алды: "Неге келдим экен…". Там айлана буркурап алды да көзүнүн жашын кургатып алып үйгө кирди. Кечинде агасы келгенде:

- Мен эми үй жайыма кетейин, жакшы эле жүрдүм, - Жер карап ичинде бугуп жаткан күйүтүн сыртына чыгарбай отуруп айтты. Эртеси бир карындан чыккан жалгыз агасы менен, ини-сиңдилери менен коштошуп жолго чыкты. Аны тагдыр ал жерге келишинде пешенесинен сылабады. Күйөөсүнөн калган үйдү Гүлкайыр кетээри менен сатып жибериптир өгөй балдары. Ошентип көзүнүн жашы кургабай көчөдө калды, ачка болуп кайыр сурады, токчулук, бейкутчулук заманда көрбөгөнү калбады. Жүрөгүнүн ооруганы күчөп, бир күнү көчөгө жыгылып калды эле аны бир жигит ээрчитип үйүнө алып кетти. Анын үйүндө көпкө жүрдү, балдарын карашат, үй жумушунун баарын жасайт. Бирок биерде келин сүйбөдү чоочун аялды. Анысын билмексен болуп көчөдө калуудан чоочуган неме кирип чыгып жаны калбай тырбалаңдайт, ошентип ачуу тагдыр аны акыры ал жерден да кубалады, үйдөн чыгып кетип атып ооруп калды, ооруканада көпкө жатты.

- Мына кызым тагдырым ушундай экен, акыры кудайдын буйругу менен сенин даамыңды татып отурам. Бу да болсо тагдырым… ушунча азап тартып жатсам да өлгөнүм жок, өмүрүмдү узун кылып жараткан экен, алланын ушунусуна да шүгүр… - деди Гүлкайыр,

- Эже, кайгырбаңыз, өзүңүз айткандай жер жүзүнө адам пендесине жараткан кандай тагдыр буйруса ошону көрөт экенбиз да… - Мээрим улутунуп алып өзүнүн башынан өткөнүн айтып келип, - Ошондой эже, менин бала кездеги сүйүүм, жүрөгүмдү ушунча жыл кыйнап келген адамым алигиче үйлөнбөй жүрөт… - деди жаткан жеринен башын көтөрө калып Гүлкайырды карай.

- Алда-аа айланайын ай-яя, жаман болгон экен, - Гүлкайыр шыпшынып алды, - анда, кызым, тийип алышың керек го?

- Эмне кылаарымды да билбейм, жолуккан сайын менден жооп күтөт, ага жооп берүү мен үчүн кыйынга туруп калды.

- Ээ айланайын, өзүңдүн жүрөгүң эмне дейт ошону ук, сүйүүнү сүйүп көрбөгөн адам билбейт. Сүйүп көрбөгөн, сүйүүнү өз башынан өткөрбөгөн адам макулуктан айырмасы канча, жараткан өчпөс сүйүүнү берген адам бактылуу деп ойлойм. Сүйүүнүн ырахатына бөлөнүп, даамын таткан адамда не арман. Мына, канча азап тартып, кара башым гана жүргөнүм менен жүрөгүмдө бир адамдын аты өчпөдү, элеси көз алдымда, ар дайым жанымда жүргөндөй сезем…

- Эжекебай, сизди кайра ойго салып ийдим окшойт, мына таң да агарып калды, бир аз тук этип алалы.

- Мейли садага, сен да жумушка барасың, эс алып ал.

Экөө тең үнсүз жатып таңга маал гана уйкунун жетегине киргенин сезбей калышты.

Күндөгүдөй эле түгөнбөгөн түмөн түйшүк менен башталат эмеспи ар бир күн, Мээрим жумушуна келип кайра балдарынын окуусунан кабар алып, алардын ар жыл сайын төкчү акчасын төгүп анан үйүнө келди. Гүлкайырдын анын үйүндө жүргөнүнө бир топ күн болуп калган. Ар убак алар келээрде тамагын жасап күтүп алат: "Жок дегенде ушундай бир кызым болгондо не", - деген арманы ичтен кайталанып ушу жашка келгенче көргөн азап-тозогу арылып, бул жердеги өз баласындай карап мээрим төгүп турган бейтааныш келинди алкап отурат. Анын түйшүк тартып жумуш жасап кээде уулдарынын кирлерин жууганына, жадагалса өзүнүн кир-когун жууп койгонуна Мээрим кейичү болду.

- Кайыр эже, мындай болбойт, бир аз кир-кокту өзүм эле жуумакмын, сиз эс алыңыз, ден-соолугуңузду караңыз да, - аны мээримдүү жылмая карады, - андан көрө телевизор көрүп отура бербейсизби.

- Алты саным аман туруп бир аз иш кылгандан өлмөк белем садага, кирди мен эмес машина жууп жатпайбы, - ойлуу сүйлөдү, - андан көрө силерге артык баш болбой кетсемби дедим эле…

- Эже, кайда барасыз, агаңыздын дарегин бериңиз, телеграмма жөнөтөйүн, келип алып кетсин, - күлө карады, - бирок артык башмын деп ойлобоңуз

- Ыя? - Гүлкайырдын өңү сустая түштү, анын көз алдына сумсайып өзүн заардуу караган жеңесинин элеси тартылып чоочуп кетти, бирок анысын билдирбей, - Ошентсең ошентчи садагасы, силерди деле түйшүккө салып койдумбу деп ойлоп жатпайымбы.

- Андай эмес, сиз мага өз энемдей эле сезилесиз, күндө үйгө келатканда сизди ооруп калбады бекен деп ойлойм, - Мээрим аны кучактай өөп койду, - кандай жакшы аялсыз!

- Ээ кагылайын десе, жакшынын бир жери кем деген туура белем, жок дегенде өзүңдөй жаркылдаган бир эле кыз берсе эмне кудайым.

- Кайгырбаңыз эже, менин апам сиздей жакшы адам, келсе көрөсүз го, - ойлуу туруп анан минтти, - байкуш апамдын да карып калган учуру, мен үчүн көп убайым жеп калды.

- Эне деген ошо да, кызым, бала үчүн убайым тарткан өзүнчө эле бакыт окшойт мени оюмча. Мен ким үчүн жашап, ким үчүн убайым жедим? Карандай жалгыз башымдын азабы үчүн карып кеттим.

- Жүрү эже, бүгүн бир концертке барып келели, - деп үйгө киришти. Гүлкайырга атайы алып келген көйнөгүн кийгизип, жоолугун салып жасантып койгондо анын көзүнөн өзүнөн өзү жаш куюлуп кетти.

- Ыраазымын кызым, бүгүндөн баштап сен да менин кызым бол, каралдым, жок дебечи, садага?!

- Болуптур, мен сизди ансыз да өз энемден кем көрбөйм! - Экөө кучакташып турду. Ушул учурду аалам аңтарылып түшүп баратса да экөөнө эч кеп эмес эле…

Ээрчишип алып концертке жөнөдү. Эки уулу үйдө калышты. Концертте отуруп Гүлкайырдын кубанганын айтпа. Көрсө бир да жолу кинотеатрга барган эмес тура!

Мээрим телеграмма жөнөттү эле, эки жумадан кийин кайра жооп катары телеграмма алды: "Агасы алда качан өлгөн, эми бул үйгө келем деп ойлобосун, аны үйүмө киргизмек тургай көрөйүн деген көзүм жок!" - деп жазыптыр жеңеси. Мээрим эмне кылаарын билбей көпкө ойлуу столунда катты кармап отуруп анан: "Бул катты көрсөтпөй эле койойун, биздин үйдө жүрө берсин", - деген чечимге келди. Мээрим жаңы эле кабинетинен чыгайын деп турганда сырттан карыган кемпирди алып киришти.

- Уруксатпы айланайын кызым?

- Кириңиз, сиз магабы? - Мээрим кары кишини кайтара албай отургучту көрсөттү, - Отуруңуз.

- Айланайын кызым, карыгандыкыбы же ажалым жетип баратабы, бүткөн боюм салмактанып эле төшөктө жатып калдым, башым тегеренет…

- Антип айтпаңыз, - Мээрим жылмая карап, - чечиңиз да бул жерге жатыңыз, текшерип көрөйүн. - Ары бери тыңшагычы менен тыңшап, тамырын кармап көрүп, - сиздин ден-солугуңуз өтө начарлап кетиптир, каныңыз аз, тынч жатып күчтүүлөп тамак ичишиңиз керек. Дары, укол жазып берем, үйдөн келиндериңиз болсо айтсаңыз жакшылап карасын.

- Аа-аа айланайын кызым, келиним да, кызым да жок, жалгыз балам үйлөнбөй эмдигиче бойдок.

- Улуңуз эмнеге үйлөнбөйт, аты ким? - Мээрим шашып сурап жиберди, - кай жерден болосуз?

- Балам чоң окуудан окуган, иши деле жакшы, билбейм эмнеге үйлөнбөйт, бир жолу аял алып бергем, андан кийин үйлөнбөй койду.

- Эне… - деп келатканда эшикти ачып Кубат кирди.

- Менин апам, жалгыз уулу менимин, Мээрим!

- Апээй ботом, силер таанышсыңарбы? - Эне экөөнү алмак-салмак карап туруп калды.

- Апа, мен сизге айтып жүргөн Мээрим деген кыз ушул!

- Кубат!

- Мээрим, апамды жакшылап карап айыктырышты сага тапшырдым, керектүү дары-дармектин акчасын өзүм төлөйм! - Кубат ушуну айтып сыртка чыгып кетти.

- Капырай, эчтеме айтпай эле алып келген, көрсө… - Чачыкей эне өз оюу менен алпуруша сүйлөнүп атты, - көрсө ушул кызды мага көрсөткөнү алып келген экен го?

- Эне, сиз ооруканага беш, он күн жатып дарылаңыз… - Мээрим башка эч нерсе айта албай кемпирди сүйөй ордунан тургузду. Коридорго чыгып медсестрага, - бу кишини өзүнчө жакшы бөлмөлөрдүн бирине жайгаштырып кой, укол, дарыларды жазып койдум, убагында бергиле! - деп Чачыкей энени ага тапшырды да кайра кабинетине кирип ойлонуп: "Кубат эмне үчүн башка ооруканага алып барбай мага алып келди экен, кудай ай", - деген ойдо кабинетинен чыгып машинасы турган жерге жеткенде артынан:

- Мээрим! - деген Кубаттын үнү угула селт дей түшүп артына кылчая карады.

- Эмне болду, Кубат?

- Токтой турчу, сөз бар!

- Эмне сөз, мындан ары ушинткениңди токтотчу, Кубат! Биз эми жаш эмеспиз, балдарым, ага-эжелерим угуп калса эмне дейт?

- Эч нерсе дебейт, мен сени сүйөм, сен мени, экөөбүздү кайрадан тагдыр табыштырып жатат, - Мээримди аста колтуктай калды, - Түшүнсөң боло, Мээрим, жалгыз сен деп өмүрүмдүн өткөнүнө кайыл болуп келатам, акыры менин да убалымды ойлонсоң боло?!

- Деги эмне айтмакчысың, Кубат, мен эми сага баягыдай сүйүү тартуулап, бакыт алып келалмакмынбы? - ыйлап ийди, - Мени өз жайыма койчу, бай болгур?!

- Жо-ок, Мээрим, эми менин максатыма жетчү мезгил келди, бир жолу айрылгам, экинчи жолу сенден айрылсам анда бул жашоого келгеним жалган, өзүмдү өзүм өлтүрөм!

- Кубат! - Мээрим анын эки ийине колун арта калып, башын төшүнө жөлөп алганын сезбей калды, - Антпе, Кубат, эсиңе кел да тезирээк башкага үйлөн, менин чоңойгон балдарым бар, мен алардын жүзүн кантип карайм?

- Сен ушул бойдон өтмөк белең, балдарга айт, түшүндүр!

- Болбойт, анте албайм!

- Анда мен апаң менен агаңа болгонун болгондой айтып түшүндүрөм.

- Жок, жок, Кубат, мени жайыма койчу, мени кыйнабачы?!

- А менчи, мени ойлобойсуңбу, менин тагдырымды, сен деп азап чегип, сенден башкага үйлөнбөй жүргөнүмдү ким аяйт, ким түшүнөт?!

- Мени кыйнай бербе, Кубат, колу-жолуң бош, үйлөн да жашооңду тынч өткөр!

- Жо-ок, эми мен сенден башкага үйлөнбөйм! - Кубат аны койо берип кайдадыр басып кетти. Мээрим көпкө машинанын ачкычын кармалап тура берди: "Эмне болот, менин жүрөгүм деле сени ойлогон менен ортодон өткөн жылдар мени сенден алыстатып турбайбы, Кубат", - деп улутунуп алып машинасын айдап жөнөдү.

Чачыкей эне үч төрт күн жаткандан кийин жакшы болуп калды. Мээрим ага барбады, тамак-аш, керектүүлөрүн берген менен жолугууга даабады. Алда неме болуп кетет дегендей жүрөгү дүкүлдөп кары кишиден тартынды. Бир жума болгондо апасы, ага-жеңеси чогуу алардын үйүнө келип калды. Апасынын апаппак болуп булайган чачтары жоолугунун алдынан чыгып турганын көргөн Мээримдин жүрөгү зырп этип алды. Сексенге чыгып калган карынын маңдайында өзүн күнөөлүү сезип турду: "Башка балдары ойдогудай эле болду, менин гана айымдан апам карып кетти", - деген ойдо апасынын саамай чачтарын сылагылай өөп, өөп алды:

- Апаке, карып кетиптирсиң, мен сени түйшүккө салып койдум окшойт ээ?

- Балам, карылык өзү да келбедиби, кудаанын ушунусуна да шүгүр, минтип сен өз алдыңча оокатыңды өткөрүп, элден кем эмес жашап жатасың.

- Кой апа, отуруп тургула, Кайыр эжеге жардам берип конок камын көрөйүн.

- Мээрим, - жеңеси ага карады, - оокатыңды кой, биз менен бир аз отурчу, сүйлөшө турган сөз бар.

- Апээй жеңе, күндө эле келип аттыңар беле, заматта эле жасай койом.

- Отур эми, кызым, - эне кызын отургузуп келинине айта бер дегендей жаңдап койду.

- Мээрим, мына балдарың чоңойду, Дуулаттын өлгөнүнө беш-алты жыл болуп баратат, жакшы эле аза күттүң, али жашсың, эми сен күйөөгө тийишиң керек!

- Жеңе, ал эмне дегениңер? - Мээрим жеңесин, апасын, агасын суроолуу карады.

- Ошондой балам, өлгөндүн артынан өлмөк жок, тирүү адамдын жашоосу улана берет, жалгыздык жаман, уулдарың үйлөнсө өз алдыларынча кетишет, анан бир үйдө жалгыз каласың. - эне башын ийкей келининин сөзүнө кошулаарын ырастады.

- Апа, силер мени түшүнсөңөр, эми күйөөнү эмне кылам, анан да мени түшүнгөн адам чыгабы?

- Чыгат, - деди жеңеси күлүмсүрөй босогону карап, - биз мында жөндөн жөн эле келе койгон жокпуз, - башын ийкей жаңдаганда сырттан Кубат кирип келди. Мээримдин көздөрү жалжылдай, же кел деп айта албай же эмнеге келдиң дей албай күлмүңдөй туруп калды, - Мына, биз сен жөнүндө абдан жакшы сүйлөштүк, өзүң билесиң, биз сени жөндөн жөн эле ушинтчи белек?

- Жеңе, жеңе, болбойт го, балдар эмне дейт?

- Балдарды биз көндүрөбүз. Болду, сен өмүр бою так өтмөк белең, али канча жашооң бар, жаш туруп күйөөгө тийгенден баш тартканың болбойт!

- Ошентсе да… эл кеп кылат го, кайын-журтум да туура көрбөстүр?

- Эчтеке дебейт, аларга да мен айтам. Сенин багыңды байлап өмүр бою жалгыз калтыра албайбыз, сен жакшы адамсың, бактылуу болушуң керек.

Ошентип, апасы менен жеңеси Мээримди сүйлөтпөй ары айтып, бери айтып жатып акыры көндүрүшкөнсүдү. Кубат эч нерсе дебеди, ал баарын тигилерге айтып келген көрүнөт. Улам экөөнүн көздөрү чагылыша түшкөндө Мээрим: "Эмнеге ушинтип жатасың, мени жаман абалга калтырдың", - деп көзүн тартып алат. Анда Кубат болоор болбос жылмая: "Баары бир сага жетишим керек, сенин да мени алигиче сүйөөрүңдү билбейт дейсиңби?" - дегендей ууртап жаткан чайына үңүлөт…

Ошондон бир жума өткөндө Мээрим менен Кубат үйлөнүп, чакан той өткөрүштү. Арген менен Арслан унчукпады. Кубатты күнөөлөмөк турсун ынак болуп кетишти. Чачыкей эненин кубанычын айтып болбойт эле.

- Ыраазымын кудайга, уулумдун өзү менен өзү болуп очор-бачар үй-жай күтүп бактылуу болуп тынып, тынчыганын көрсөм арман жок, - деп кайра-кайра алкагандан тажабайт.

Гүлкайыр ошол бойдон ал үйдүн бир бүлөсүнө айланды. Кубат өз ишинде иштейт, Мээрим өз ишинде. Кечинде үйдөн жолугушат, бактылуу үйбүлөлөрдүн катарын толуктап өздөрүнчө бака-шака. Убакыт жетип Аргенди үйлөндүрүштү да башка үй алып көчүп кетишти.

Ал эми Арслан алар менен чогуу. Мээрим жыл айланбай уул төрөп алды. Ошондогу Кубат менен Чачыкей эненин кубанганы.

- Ээ жараткан, ушунуңа шүгүр, эми жылуу-жумшак уул-келинимдин төрүндө неберемдин жытын жыттап гана кушубак кете берсем арманым жок.

- Койчу апа, небереңди жаңы эле көрбөдүңбү, ээрчитип алып ойнотосуң, чоңойгондо аял алып бересиң! - деп Кубат апасына эркелей кетти.

- Аа-аа каралдым, мен дагы келиндин колунан чай ичип, небере көрөөр күнүм болоор бекен деп тилечү элем, тилегиме жеттим, эми арманым жок, экөөңөр эле бактылуу болуп ынтымактуу жашасаңар болду.

- Кой апа, небереңиздин чоңойгонун көрүп, биздин төрүбүздө көөп жылдар бою бакыбат жашаңыз, - Мээрим бир жагынан уулун алып отуруп сөзгө кошулду, - сиз багасыз, Гүлкайыр апам сизге жардам берет, биз иштейбиз, - Мээрим энени сүйкүмдүү карап күлүп койду.

- Тилегениңерди бир жараткан кабыл кылсын айланайын, ылайым эле кармашкан колуңар ажырабай аман эсен жүрсөңөр экен… - эне ойлуу отуруп калды.

Кубат менен Мээрим өз бөлмөлөрүнө киргенде Кубат Мээримди бекем кучактап алып:

- Мээрим, ушул күндү кандай гана күтпөдүм, жүрөгүмдөгү сага деген сүйүүм өчпөстөн кайра күчөп, бассам турсам да, уктап атсам да түн көз алдымдан кетпедиң, жүрөгүм "Мээрим, Мээрим" деп согуп тынчымды алганычы?

- Кубат, мен деле сени унуталган жокмун, сүйүү өчпөйт, эскирбейт деген чын экен, эми гана ишендим.

- Деги ушул бактым түшүмбү же өңүмбү, ишене албай турам да ыя? - Мээримди жерден так көтөрө төшөгүнө алып барды, - Жаным го менин, өчпөс махаббатым! - Аймалап өпкүлөп жатты. Мээрим да жан-дили менен ага бериле көздөрүн жумуп алып анын эркине баш ийип берди: "Аттиң, ушул ырахатты он жылдан ашык жашаган күйөөмдөн сезе албадым эле, чыныгы сүйүүнүн башкача ырахаты болот тура, көрсө аны сүйбөптүрмүн, тагдырымдын салганына баш ийип, сүйүп кетем, жашап калайын деп ойлогон экенмин да", - деп ойлоп алып Кубаттын бекем кучактап алганына деми кыстыгып баратса да ушул сүйүүнүн деми менен өлүмгө барууга даяр болуп жер жыттанган жытын жыттап үнсүз жата берди.

- Кубат, эмнеге унчукпай калдың? - деди көптөн кийин.

- Ойлонуп жатам, эгер экөөбүз такыр көрүшпөй калсак сен башка бирөөгө тийип алат болчусуң, анан мен сени өмүр бою таппай жалгыз өтөт белем деп ойлонуп атам.

- Жинди, мен эгер сен болбосоң өлгүчө эч кимге тиймек эмесмин! - Мээрим Кубаттын чекесинен өөп кучактап алды. - Өмүр бою жалгыз өткөнүмө кайыл элем.

- Жаным го менин, Кудайым өзүмө энчилеп койгонум го? - экөө көпкө чейин жаш жубайлардай эзилишип жатышты.

- Кубат, - деди бир кезде Мээрим, - Сен биринчи болбой, жашыбыз өткөндө мага жеткениңе өкүнгөн жоксуңбу?

- Койсоңчу жаным, өкүнмөк турсун, сени мага кеч болсо да кошуп койгонуна ыраазымын, бактылуумун билсең, бактымды жар салып дүйнө жүзүн жаңырта кыйкыргым келип турат азыр.

- Мако-оом десе, мен дагы сага ыраазымын, сүйүүңдү эскиртпей кайрадан кош колдоп өзүмө сунуп отурганың үчүн, өмүр бою алдыңда карыздармын!

- Антип айта көрбө, мени эселегим, мен сени менен ушул азыр бир төшөктө жатканыма төбөм көккө жетип отурат, апам байкуштун менин үйлөнүп, балалуу болушумду күтүп жүрүп карып кеткенине, эми небересин көрүп ушунчалык бактылуу болушун көрүп кандай гана кубанып отурам, Мээрим!

- Апам, ата-энем балдарынын бактылуу болушун ар убак күтүшөт, каалашат.

- Жаным менин, өчпөгөн махабатым, жүрөгүмдүн унутулгус таза сүйүүсү, бактым менин, эми уктайлы.

- Түнүң бейпил болсун, жаным.

- Сенин дагы, алтыным, - Кучакташып, бейкапар уйкуга киришти.

Жандүйнө жаңырыгы, өчпөгөн махабат, тунук сүйүү экөөнү кайрадан кошуп жашоонун даңгыр жолуна жетелеп, өткөн өмүр, кечип өткөн азап-тозоктун баарын унуткарып, бактылуу жашоо тартуулап отурат. Адам баарын көтөрүп жеңе билгенде гана максат-муратына жетет эмеспи. Чечкиндүүлүк, бекем эрктүүлүк адам баласынын жолундагы бөгөттү ашып өтүп, оор түйшүктү жеңип өтүүсүнө өбөлгө боло алат. Бакыт эрктүү адамды ээрчийт, эрксиз адам пендеси болоор-болбос жашоонун ысык суугуна чыдай албай тагдырдын татаал жолунан адашып жатышпайбы? Кубат менен Мээрим баарын көтөрүп, чыдап, күтүп, жараткандын жазганына кайыл болуп жүрүп өз максаттарына жетишти. Көрсө чыныгы махабат, таза сүйүү, бийик адамгерчилик эч качан адамды өз насибинен куру калтырбайт экен…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз