Айгүл ШАРШЕН


"Кайрымсыз уул кайгысы"


Жетимишинчи жылдар. Эсине кирип калган Канатбекти Асанкул абдан жакшы көрө турган. Жети кыздан кийин көргөн уулун Жумгалдын тоо ташын көргөзүп, жайлоолоруна, кымыз ичкен жерине ээрчитип жүрүп чоңойтту. Саада абдан акылгөй аял:

- Атасы, уулуңду мынча эрке кылбасаңчы, андан көрө жумшап, ишке бышырып, улууну сыйлаганга үйрөтсөң боло, бу бойдон болсо экөөбүздү акыретке ызаат сый кылып узаталбайт го? - деп Саада бир кечте кейий күйөөсүн карады.

- Андай болбойт, көрөсүң, уулум жакшы адам болот. Туурабы, уулум? - деп Асанкул уулуна карап мулуңдап койду.

- Ооба, мен силерди багам да, - деп Канатбек эдиреңдеп койду.

- Ошондой эле болсо болду, - деп Саада унчукпай калды.

Улуу кыздары күйөөгө тийип кеткен, Канатбектен кийин дагы бир уулдуу болушту. Уулум жок деген өкүнүчү жазылып, Асанкулдун көөнү тынып калган. Он эки баланы мойубай багып кой үстүнө торгой жумурткалаган мезгилде кийимин кир кылбай, кардын ачырбай багып, кыздарын татыктуу жерге күйөөгө берип, куда-кудагый күтүштү:

- Балдарды кудайдан сурап алдым кемпир, көп жумшап кайсар кылба, кыз ансыз да бирөөнүн бүлөөсү, өз айылын, теңин тапкыча инилерин колунан келсе сыйласын, биздин көзүбүз өткөн кезде аларга ушул экөө төркүн болуп, ордубузду жоктотпой очогубуздан от өчүрбөй учугубузду улайт, - деп Асанкул ар убак ушинткенде Саада аны күлө карайт:

- Ошентсе гана чал, Канатбегиң эмитен эле кайсар, кара жумушка көнбөй калып жеңил оокатты көздөбөсө болду, Азимбек го жоош момурап.

- Андай болбойт.

Асанкул өз ойун бербей жайкысын жайлоого чыкканда, кышкысын мал короодо турганда да кыздарын жумшап көндүргөн. Улуу кызы Мария менен Асия дагы инилерин аяп айттырбай эле түйшүктү өздөрү жасай берчү. Кыздарынын баары эстүү, акылдуу болуп өсүштү. Эң кичүүсү Айзиреги бир аз тентек болгон менен агаларын жанындай жакшы көрүп жанынан чыкпайт.

Канатбек алтынчыда окуп жаткан эле. Бир күнү өңгүрөп ыйлап келди, ал астанадан кире электе эле, артынан Нурманбек баласын жетелеп келип калды.


- Ой Асанкул, балаңды кой дейсиңби же эсине келтирип койойунбу?

- Эмне болуп кетти? - деп Асанкул эми эле кирген уулунун башын койнуна катып ага оңурая карады.

- Ушу жакшыбы, Канатбек таш менен урган экен башын жарып кетиптир! - деп Нурманбет ыйлап жаткан өзүнүн баласынын канап турган башын көргөзө күпүлдөп жатты. - Баланы өтө эле эрке кылган болобу, сенин балаң башкача бекен, мен да өз баламды сеникинен ашыкча көрөм.

- Нурманбет, уулумдун бир бейбашчылыгын кечирип кой эми, мындан кийин андай болбойт.

- Ата, өзү тийишти, мени сөгүп атпайбы? - Канатбек атасын карай арыздана кетти. - Дайыма өзү чоңдугун сала берет.

- Мындан ары экөөң тең урушпай жүргүлө, биз тууганбыз, туугандар урушса болбойт, балам, - деп Асанкул уулуна акыл айтып, Нурманбеттин баласына күлө карады. - Мурдуңду урайындар десе, Нурманбет экөөбүз силер үчүн мушташалыбы, ыя?

- Кой Асаке, ошентсе да бейбаштыгын койгудай кыл, дагы жакшы, кудай сактаптыр… - деп Нурманбет жумшара сүйлөдү.

- Ошону айтсаң, мурдуңду урайын десе, экинчи колуңа таш албай жүр!

Асанкул баласын какыс-кукус кыла кол учу менен домдоп койду. Нурманбет кеткенден кийин Саада күйөөсүнө наалып кирди:

- Обу жок эркелетип койдуң, тим эле мен ага өгөй энеден бетер мени укпайт, чоңойгондо кантээр экен?

- Коркпо кемпир, бейбаш бала тез эле токтолот, азыр бала да, тентектиги жок баланы кайдан көрдүң эле? - Асанкул камырабай тизесине башын койуп жатып алган уулунун башынан сылап койду. - Көрөсүң, уулум керилген жигит болгондо…

- Өзүң эле билчи деги, мына он төрткө кирди, жанагы кыздарды ирбийтип кой кайтартпай эки уулуңду эле кайтартсаң болот го, өз жашоосуна тың болот эле?

- Макул, эртеңден баштап, эки уулумду ээрчитип алып койду өзүм жаям, - Асанкул аялына жылмая карап, анын айтканын жөндүү көрүп калды.

Убакыт өтүп Канатбек онунчуну окуп жатып да үйгө келбей калчу болду. Айылдан тоок, үндүк уурдаткандар алардын үйүнө келип доо кыла турган болду. Ошондо да ага мойун бербеген Асанкул аларды жай узатат:

- Эми балдар уурдаса менин баламдан көрөсүңбү, карды ток, жегиси келсе турат эт, май, сүзмө, ачка калган бирөөдөн бетер менин уулумду эле күнөөлөйсүңөр да?

- Кечээ тиги айылдын четине алпарып жешиптир, бешөөнү тең соттотом! - деди жесир кемпир Сайра. - Жалгыз жесир аял болсом, тоок, үндүктөн башка малым болбосо…

- Кой кейибе, ордуна тоок берейин, - деп Асанкул ага өзүнүн тоогунан экини кармап берди.

Аны менен эле бүтүп калбай доочулар көбөйдү. Асанкул уулунун кээде ичип келгенин көрүп ичтен тынчу болду: "Каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң" деген алсыз ата болдум. Сааданын кебин угуп катуурак кармасам болмок экен" деп, санаасы-санга бөлүнүп жүргөндө дагы шумдуктуу окуя болуп кетти.

Сайра бала-чакасы жок жалгыз турчу, небереси кээде келип кетет, ал өз энеси менен тургандыктан анда-мында жиберип койчу. Ошол күнү төрт бала биригип алып ичишет да, Сайранын үйүнө барып жарык болуп турган терезесин такылдатат:

- Ким бул? - Сайра эч нерседен капарсыз босогого жеткенде:

- Сизди Айтымбет аке чакырып жатат! - дейт бири.

- Эмнеге чакырат ботом, кудалары келиптирби? - Сайра аларга ишене каалгасын ачып карап калганда бири кемпирди жөөлөй ичке кирип:

- Кайдан билебиз, тез келсин деп жатат, - деди эле Сайра аларга ишенкиребей ары бурула бергенде бири анын артынан кучактап оозун басып көтөрүп ичке киргизет. Бири эшикти ичинен илип алып төртөө аны кезектешет. Сайра бечара алы куруп жатып калганда гана чыгып кетишет.

Сайраны эртеси үйүндө алсыз жатканда коңшусу көрүп чоочуп кетти.

- Карангүү-үн, сага эмне болду ыя? Ал анын башын көтөрө ордунан тургузуп жаткырды да, - мен доктур чакыртайынчы! - деп элди чакырып ооруканага жеткиришет.

Алтымыштагы аялдын жатыны жарылып кетиптир. Ал эптеп көзүн ачканда аны операция жасап зорго айыктырышат. Өзүнө келгенден кийин Сайра болгон окуяны милицияга айтып, төрт баланы ата-энелеринин ортого түшкөнүнө карабай камап салышат.

Канатбек жети жылды мойнуна алып он алты жашында жашы жетелектердин колониясына кетет. Берки үчөө андан улуу болгондуктан он жылдан сегиз жылга чейин түрмөгө отурушат.

Ошентип Канатбек жашынан түрмө көрдү. Беш жыл дегенде ал кайрадан түрмөгө түшөт. Азимбек чоңойуп ата-энесине карабай шаарга кетип, ошол жактан үйлөнүп алып Асанкулдун уулдуу болдум деген кубанычы кайгыга айланып төшөк тартып жатып калат да, Канатбек түрмөдөн бошоноор жылы дүйнөдөн кайтты. Саада ыйлап-сыктап кала берет. Кыздары кабар алып турду. Үч кызы күйөөгө тиелек эле. Айзирек онду окуп калган, андан улуу Гүлнара менен Назира шаарда окушат.

Канатбек бошонуп келгенде эне эмеспи каадасын кылып түлөө өткөрдү, туугандары чогулуп акыл-насааттарын айтып тарашты. Ал келгенден он чакты күндөй эле жакшы жүрдү. Андан кийин ичип алып күндө мас болуп келип Сааданын жанын кейитти:

- Балам, сени уулдуу болдук деп сүйүнүп, сүрдүгүп кандай гана болдук эле, атаң жалаң сенин айыңдан ооруп жатып ары карап кетти. Эсиңе келсең боло, анда жаш элең, мына эми жыйырма сегизге чыктың.

- Оо апа, акылым бар эле, эмнеге антесиз? Буйурса үйлөнүп сизди багам, тиги Азимбек эмне карабай бөлүнүп кетти? - деп Канатбек кайра апасына суроолуу карады.

- Эми ал өзүнчө үй күтүп жашап жатат, сен деле ошентсең кана, ачкыл сууга алдырбай.

- Эми ичпейм, андан көрө үйлөнөйүн, апа, - деди ал токтоо сүйлөп.

- Үйлөнсөң үйлөн, - деп Саада макул болгондой болгон менен жүрөгүндө түпөйүл санаа турду: "Кандай кыз келээр экен, түрмөдөн чыккан десе эл үркүп турат, үйлөнүп алса адам болуп кетээр беле?" деп ойлогон менен келин алып колу узараарын эстегенде кубанып алды.

***

Эстебес совхоздун кароолчусу болуп иштечү, аялы Бермет экөө үч кыз, үч уулдуу, балдарын колунан келишинче багып чоңойтту. Бирде жетип, бирде жетпей өп-чап өскөн балдары айылда калып трактор айдап, бири кара жумушта иштеп үйлөнүп-жайланып калышкан. Кызы Арзыкан турмушка чыгып, бир кызы менен ажырашып келип үйүндө, бирөө очор-бачар болуп күйөөсү менен жашайт, кичүүсү Таалайкан мектепти бүтүп үйүндө. Колунда жок жарды жашаган үйбүлөнүн балдары орду-орду менен кеткени ата-эне үчүн кубаныч эмей эмне. Таалайкан бала кезинен бирөөнүн кызарган буйумуна көз арткан, колу туткак, тили узун кыз. Бермет аны ар убак тилдеп, акыл айткан менен болбой эле колуна тийген нерсени кытып алмайы калбады.

- Кызым, кокус бир жерге барсаң өзүң дагы, бизди дагы уят кыласың го? - деди бир күнү Бермет.

- Эчтеке болбойт, мен күйөөгө тийсем албайм, - деп Таалайкан дулдуя жооп берди. - Анан эмнеге элдей болуп жетише албайсыңар? Мени менен окуган кыздардын баары жаңы кийсе, мен жалаң эжемдердин эскисин кийип чоңойдум. Мен деле кыздарга окшоп кийингим келет, окууга барып адам болгум келет!

- Эмне кылайын кызым, атаңдын айлыгы, менин иштегеним жетпейт, же бир чычкак улак күтө албадык, - деп Бермет кейип кепчип калды.

- Кыздарыңдан калың келген да жок. Шашпагыла, мен күйөөгө тийсем силерди байытам! - деп Таалайкан күлүп койду.

- Байытпай эле кой, өзүң эле тыңып калсаң болду, кыздан алып байыган эч кимди көрбөдүм, эжелериңдин себин бералбай ушул убакка чейин кызым байкуш басынып жүрөт, - деп Бермет колунда жогуна кейий үшкүрүнүп алды.

- Эмнеге сеп бермек элеңер, өздөрү калыңга эчтеке бербесе эле эмне?

- Бергенине өздөрүн тосуп койбодукпу, кызым.

Эне-бала сүйлөшүп отурганда Эстебес келди, ал чарчагандай "өх" деп алып төргө өттү да:

- Бирдемең барбы, кардым ачты, - деди.

- Ун да калбай калды, тамак жасаганга эчтеке жок, жармадан ичесиңби? Бермет күйөөсүн карады.

- Алып келе бер, качан эле казанда эт кайнап турчу эле, байбиче. Буйруган жашоону көрүп жатабыз го?

Эстебес улутуна башындагы эскирген шляпасын жанына алып койду.

Колунда болуп бардар адамдар менен алака кылып күндүк өмүрүндө түштүгүнө жарык тийгендер канча, "жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу" дегендей, Эстебеске окшоп, жаш аялметтиктин азабынан өп-чап жашагандар ал кезде абдан аз эле. Эстебес согуштан атасы кайтпай калып жетимдиктин заарын тартып, апасы үч баласын эрезеге жеткирип койуп, бир топ жыл мурун өтүп кеткен. Улуу эжеси жакшы жашаган менен кайрыла албайт, күйөөсү анын ар бир кадамын санап, жадагалса унду элеп берип: "Бул эки күнгө жетет" деп ченеп берген эркек болгондуктан инилерине кайрылыша алчу эмес. Иниси Барктабас тракторист, бир аз тың турчу. Анын аялынын төркүндөрү бардар болгондуктан бардык жагынан жардам берип турчу, эки бир тууган аялдарынын айынан көп катышчу эмес. Жамандык, жакшылыкта гана бирге болушпаса ага-инидей катышы жок эле…

Берметтин да төркүнү жок, балдарын-күйөөсүн жөлөк кылып барына топук тилеген момун аял. Дүкөндөн кээде карызга ала койушат, кайра берээрде абдан эле кыйналып калышчу.

Таалайкан эки курбусу, Салима менен Айнур болуп сүйлөшүп турушкан. Жанынан өтүп бараткан эки үч жигитти карап күлүп калышты эле, тигилердин бири кайрыла калып:

- Бойго жетип калыпсыңар, бөктөрө качса болчудай, - деди жанындагыларга карап көз кыса.

- Бөктөрө качкыдай мал белек? - деп Таалайкан ага жооп кайтара мурчуңдап койду. - Көрдүңөрбү, карышкырлар жойлоп калыптыр… - деди ал курбуларына.

Үчөө күлүп калды.

Жигиттердин бири Канатбек эле, ал басып келип кыздарга тийишип калды:

- Карышкырлар ач болгондо айыл аралап жортот, силер тырсыйып турсаңар карышкыр бөктөрө качпай жаны жокпу?

- Оозуңузга карап сүйлөңүз! - деп Салима аны жактырбай ары басты. - Жүргүлөчү, ушуга окшогондорго шакаба болбой!

- Сүйлөй беришпейби, колунан эмне келет экен, корккудай алым жок, өзү келген неме өзү кетет! - деп Айнур көгөрдү.

- Ооба, аны биз чакырган жокпуз да? - деп Таалайкан Айнурга кошулду. - "Тең-теңи менен, тезек кабы менен" дегенди билсе сыйы менен кетет да?

- Канатбек, картаң кыздарды эмне кылабыз, жүрү кеттик! - деди артта сүйлөбөй турган Элдос.

- Эмне-е? - деп үч кыз жарыша үн катканда тигилер каткырып ийишти.

- Кемпирлерден көрө жаш кыздарга барып көңүл ачканыбыз дурус! - деп Темир да аларды карап көзүн кысып койду.

Көпкө чейин кер-мур айтышып келише албай туруп, көптөн кийин таанышып калышты. Канатбекке Таалайкан жагып калды. Ошондон кийин эки-үч жолу жолугушушту да, Канатбек аны ала качып алды.

Саада келинине үйрүлүп түшүп: "Эптеп эле баламды жакшы жолго салып жашап кетсе болду" деп уктап жатса ойготпой, турганда чайын белендеп "иче гой, жей гой" деп турат: "Алы күчүм барында, кудай алсын жумушту. Бара-бара өзү баарын жасап кетет, жаш эмеспи" деп кирин да өзү жууп, дандырга нан жаап, үйүн жыйнап кечке убара.

Канатбек дале бош. Аялын тур деп да айтпайт, түшкө чейин кучакташып жатып зорго туруп белен тамагын ичип алып өз бөлмөлөрүндө каткырып ойноп отура берет. Мария бир күнү келсе бөжөңдөп Саада тамак жасап жаткан, аны көрүп ал таңгалды.

- Апа, келиниң кана? - деди ал аста гана.

- Уктап жатат, кызым. Кандай, балдарың чоңойуп жатабы, Эсентур жакшы жүрөбү? -- деп эне сөздү башкага буруп кетти.

- Эмдигичеби?

- Ооба кызым, уктай берсин, келиндин келгендегиси эсинде калат, бара-бара казан-аякты өзү эле өткөрүп алат.

- Койчу апа, келин деген эрте туруп иш кылат. Жаман көндүрүп алсаң төбөңө чыгып жүрбөсүн, келгенине эки айдан ашты эмне? - деп Мария үйгө кирип аларды ойготмок болду эле, тигил экөө каткырып күлүп жатканын угуп, жөтөлүп койуп кирип барды.

- Ой турбайсыңарбы ыя, саат он эки болду, эшикте жетимиштеги кемпир казан кармап жүрөт!

- Эже-е, - Канат кериле козголду. - Өзүңчө жашагандан кийин бизге киришпей жүрбөйсүңбү?!

- Эмнеге, ушул жашка келип, сенин азабыңды тартып, карыганда силерге аш даярдап береби?

- Жаңы эле келбедиби эми, көнгөндөн кийин жасайт да?

Эжеси менен Канатбек айтышып жатканда Таалайкан кийинип эшикке чыкты. Мария келини чыгып кеткенден кийин инисине жумшара минтти:

- Канат, сен эми жаш эмессиң, отузга чыгып калдың. Апамдын өсөрү калган жок, өлөөрү калды, ошону сыйлап төргө отургузуп өлгүчө жакшы карасаңар боло?

- Эже, мен силерден акыл үйрөнбөйм, өзүм багып алам, мындан ары киришпей жүр!

Канатбектин кеп жебесин билип, Мария кайра чыкты.

Эки жыл дегенде уулдуу болушту. Канатбек ичип келип аялы менен эмес, апасы менен урушчу болду. Таалайкан болсо унчукпай отуруп алат. Акыры келинден ызаат көрмөк турсун керээли кечке түйшүк тарткан эненин карылыгы жеттиби, же ой санаа кыйнап жибердиби, Бермет ооруп жатып калды. Таалайкан ошол убакта алдым-жуттумдугу кармап, күйөөсү карта ойноп таап келген акчаны төркүнүнө берип жүрүп алар үй-жайын оңдоп алды.

Канатбек күндө мас, бөжөңдөгөн энесине жини келип:

- Өзүңө деле оор болсо керек ээ, апа. Көп жашадың, эми өлүп эле калганың жакшы го? - деди, - дагы жашасаң бизди эле кыйнайсың да?

- Эмне кылайын балам, кудай берген жашты жашап жатам да.

Эненин жүрөгү муздай көзүнө келе калган жашка мууна үнү каргылдана түштү.

- Өзүм жардам берип койойунбу? - деп Канатбек жинди болгон немедей каткырып калды. - Ойлосоң өзүң деле, көп жашаган жаман бекен?

- Ок, антип кудайга күнөөкөр болбо, балам!

- Кудайың карап туруптурбу, эгер карап турса мага мынча жашты бербей эле кой демекмин!

- Кесир сүйлөйсүң да, уулум… - деп Саада сай-сөөгү сыздай муңкана отуруп калды.

- Жээриңди жедиң, ичээриңди ичтиң, эми эмне кереги бар дейм да сага жашоонун?

Канатбек апасына ар кайсыны сүйлөп жатып уктап кетти. Таалайкан да бөлмөсүнө кирип жатып алды. Баласы төрткө чыгып калган, аны Сааданын жанына келтирбей өзү ала жүрөт.

Саада эптеп туруп дасторкон жыйнап зорго төшөгүн салып жатып калды.

Эртең менен кары неме уктап калган экен:

- Ушу энеңдин азабы өттү, идиштерди жууп да койбоптур, же өлүү эмес же тирүү эмес, жанга тийди! - деген Таалайкандын сөзү кемпирдин жүрөгүн көзөп өттү.

- Тим кой эми, карыган неме жууй албай калгандыр, акыры ал деле өлөт, чыда жаным, - деди Канатбек.

Уул-келининин сөзүнө жүрөгү канап, Саада жаткан жеринде жыртайган көздөрүнөн жаш куйулуп жаздыгына кулап жатты.

- Энеңдин эмеле өлө койо турган түрү жок, аны өлөт деп жүрүп экөөбүз баарынан куру жалак калмак болдук го?

Саада алардын андан аркы сөздөрүн уккусу келбей чүмкөнүп жатып алды: "Аттиң, эркек уул төрөбөдүм деп арман кылчу элем, төрөгөн баламдан көрөөрүм ушул беле? Кантейин, тилегенде өмүрүн эле тилебей ыйманын кошо тилесем болбойт беле?" деп сыздап жатып эсин жоготтубу же уктадыбы башка эч нерсе угулбай караңгылыкты көздөй сүңгүп баратты.

Ошол күнү Мария, Асия менен Гүлнара үчөө атайын апасынын ал-абалын көрмөк болуп келип калышты. Алар келип үйгө кирип кеткенде Таалайкан баласы Адилетти көтөрүп басып кетти. Саада эч нерсе сезбей жаткан. Аны кыздары врачка көрсөтсө инсульт болуп калыптыр, ошол бойдон бир ыптасы кыймылдабай жатып калды. Кыздары биригип көргөзбөгөн врачы, бүбү кожосу калган жок. Эки жыл дегенде Саада бир аз сүйлөп, өзүнчө басып калды. Эне кыздарына эч нерсе деп айтпады. Ар кимисинин өздөрүнчө тиричилиги болгондуктан, ал кайрадан уул-келининин колунда калды. Канатбек ичкенин коймок турсун көбөйткөн.

- Апам кандай? - деди бир күнү кирип эле.

- Өлмөк беле, кыргыйдай болуп отурат! - деп Таалайкан силкинип алды. - Карандай ошону багам деп эки жакка чыкпай куурадым.

- Өлбөгөндө кайда бармак эле, жаным, капаланбачы! - деп Канатбек аялын имере кучактап өөп койду.

- Ой мунуң өлмөк турсун кайра тирилип баратпайбы?

- Азыр, - деп Канатбек апасы жаткан бөлмөгө кирип барды. - Ээ кемпир, бу сен жүзгө чыгат окшойсуң?

- Балам, кудайдын берген өмүрүн жашап жатам…

- Кыздарыңды доктурга алып барбай эле кой дебейт белең?!

- Мен алып бар деген жокмун…

- Өлүктөн айырмаң деле жок, жөн эле жүк болуп жатасың да, Таалай да кыйналып жатат.

- Эмне кыл дейсиң кагылайын, ушундан көрө өлгөнүм деле жакшы болчу, кудайдан тилеп алган баламдан ыйман ызаат көрбөй уу тилин укканча… - деп Сааданын көздөрү соолуп бараткан булак сымал жашы мөлт эте агып кетти.

- Эми ылжырап карып калганда сыйды, урматты эмне кыласың апа, андан көрө өлүмүңдү тилебейсиңби? Ушинтип жатып өзүң да кыйналып, бизди да кыйнагандын эмнеси жакшы? - деп Канатбек жиндене апасынын үстүндөгү төшөктү силкип жиберди. - Кыйналып жаткандан көрө тезирээк өлсөң болот эле…

- Деги мен өлгөндө эмне табасыңар, айланайын? - деп Саада жаны кейий бери карап сурады.

- Атамдан калган мал-мүлктү, үй-жайды баарын мага беришиң керек?!

- Ошон үчүн эле менин өлүмүмдү тилеп жатасыңарбы? - Эненин жүрөгү жүз жеринен тилине уулун заар толгон көздөрү менен карады. - Сен жакшы болсоң сеники, минтип жанымды кашайта берсең эчтеке жок!

- Эмне? - Канатбек түшүнө бербей карап калды. - Эчтеке жок дейсиңби, мастан?!

- Ооба, мени өлтүргөн күндө да силерге эч нерсе жок!

- Сен өлсөң меники эмей эмне? - деп Канатбек апасын жаткан жеринен колунан булкуп тартты да кайра түртүп жиберди.

- Аа-ай! - деп Саада алсыз үнү менен чаңырып ийди.

- Жаның таттуубу? - деп Канатбек апасын көтөрүп жерге урмак болгондо Таалайкан кирип келип:

- Тим кой, өз ажалынан көрсүн! - деп аны эшикке алып чыгып кетти.

Гүлнара келгенде карынын сүйлөөгө алы келбей эки күндөн бери ачка жаткан, алсыз жаткан апасын көрүп зээни кейиген Гүлнара ага аздап чай берип тамак жасап берип карап калды.

Таалайкан ага:

- Ичип чыгып эле жатат, деги кыйнады го? - деди кергиштей.

- Ал эмне дегениңиз жеңе, анан тамак бербей өлтүрүп коймок белек?

- Тирүүнүн өлүгү болуп жатканча ары карап кеткени эле жакшы эмеспи?

- Кантип ушуга оозуңуз барды? Сенин энең ушинтип ооруп калса көрөт элем… - деп Гүлнара ыйлап апасынын кийимин которуп, жуунтуп, ак шейшеп салып жаткырып койду.

Канатбек дагы мас болуп келди, ар кайсыны сүйлөп жатып уктап калды. Гүлнара ага-жеңесинин түрүн көрүп, эртеси эжелерин чакырып келди. Чогулуп ортого алып, туугандарынын көзүнчө Канатбек менен Таалайды үйдөн кетирмек болуп жатканда кудагыйын көрмөк болуп Эстебес менен Бермет келип калды. Таалай аларды көрүп уялып калгандын ордуна:

- Мен жыргап жаткансып, силер калдыңарбы, ушулар киши беле? - дегенде Канатбек аялына бир ооз сүйлөбөгөнүнө кыздардын жини келип:

- Таалайкан, ал эмне дегениң? - деп жиберди ачуусу келген Мария. - Калгандары улуусунан сөз талашпай угуп турушту. Эстебес менен Бермет булар кантсе да ата-эненин тарбиясын көргөнүн сезди. - Сен келин болуп келгени апам сага казан карматкан жок, үч маал чайыңды кайнатып, ашты алдыңа койуп өз ойуңа койду. Сен энесиң, эртең эле мынабу балаң чоңойсо дал ушу көйгөйдү ошондон көрөсүң. Бирибиз келип киришип, же сага бирдеме дедикпи?

- Таалайкан, бул эмне кылганың, кудагыйды көрөлү деп келбедик беле, сенин мындай экениңди багып чоңойткон биз билген эмес экенбиз, - деп Эстебес жер карады. - Канатбек экөөң кары кишини ушинтип кордодуңарбы?

- Бизди уятка калтырган турбайсыңбы ыя, сенин жеңелериң бизди кандай сыйлашат?! Эсиң барда этегиңди жыйып, акыркы күнүнө чейин жакшылап баккыла! - деди Бермет.

Ары-бери болуп жатышып Канатбектер бөлүнүп кетмек болду, Таалайкан унчукпай кете берди, Сааданы эки кызы багып калды. Бир айдан кезек менен бага турган болуп кеңешишти. Саада багуусу жакшырганга оңолуп баратты. Кыздары Азимбекти чакырып, аларды айылга койушмак болду эле, Азимбек сырттан окуп кайра иштеп жетише албай жатканын шылтоо кылып болбой койду:

- Биз колубуздан келгенин жөнөтүп туралы, балдар мектепте окуйт, өзүм эптеп окууга кирип алдым эле…

- Эже, окуп албаса болбойт, балдар чоңойгуча окуусун бүтүп алса жумушка орношуп калат, өмүр бойу кара жумушта иштемек беле? - деп келини Нурмира да күйөөсүн коштоду.

Кыздары аргасыз кезектешип багып жатып, Саада кирип чыкканга жарап калды, болгону бир кол, бир буту иштебей зорго басат. Гүлнара окуусунан чыгып карандай Сааданы карап турмушка да чыкпай калды. Айзиректи өздөрүнүн жакын коңшусу келин кылып алды, жакын түшкөнү жакшы болуп, күйөөсү экөө Гүлнарага жардамдашып турат.

Бир күнү Саада эшикте отурган, Гүлнара кир жууп жаткан болчу, Канатбек мас болуп келип апасын кекетип кирди:

- Оой-ой, апама мүрөктүн суусун берип жаткан го кыздары! - деп теңселе жанына отурду. - Кандай анан апа, азыр өлгүдөй эмессиң го?

Саада үндөгөн жок, үндү угуп Гүлнара жетип келди:

- Байке, эмне деп жатасыз, ушунча жакшы болуп калганына кубанбайсызбы, же жакшылап бакпасаңар!

- Эмне, сен энеңди дүйнөгө түркүк кылмак белең? Эчтекеге жарабаса, жөн эле жаш балача отура бергенче тынчыраак барчу жеринен орун алганы жакшы эмеспи!

- Байке! - Гүлнара жүзүн колу менен басып агасынын сөзүнө жүрөгү тыз этип алды. - Кантип ушуну айтууга оозуңуз барды?

Саада унчукпай отура берди, анын жан дүйнөсү эзилип: "Эмчек сүтүм урсун, ушундай бала төрөгүчө төрөбөй койсом эмне? Аттиң, неге ичимден чыккан баламдан жүрөк кубантаар сөз буйрубады" деп үнсүз көзүнүн жашы төгүлүп турганда эмне болгонун сезбей талп этип жыгылып, ташка башы тийип эси ооп калды. Гүлнара экөө уруша кетип, Канатбек энесин түртүп ийген эле.

- Апа-а! - деп Гүлнара катуу чаңырып апасын өйдө кыла кыйкырып калганда Канатбек артын карабай чыгып кетип калды.

Саада аздан соң эсине келгенде коңшуларынан эки-үч аял келип калды:

- Эмне болду?

- Коркуп да кеткенимчи, үнүңдү угуп жетип келбедимби?

- Апам отурган жеринен жыгылып кетти, - деп Гүлнара агасынын түртүп ийгенин жашырып, Сааданы колтуктай үйгө кирди. - Кир жууп жаткан болчумун, - деп ыйлап да жатты.

- Кой айланайын, ыйлаба, столго отура албайт да оорукчан неме. Төшөк салып жерге эле отургузсаң болбойт беле?

- Мейли, дагы катуу жыгылбаптыр, коркпо, - дешип коңшулар кетип калышкандан кийин Гүлнара коркуп жатты: "Эгер түндө келсе апамды өлтүрүп койбосун, Айзирек менен Кенжени чакыртып алайын" деген ойдо жолго чыгып кичинекей баланы жумшады эле ал барып чакырып келди. Айзирек өзү эле экен:

- Эмне болду, Кенже жок болчу.

- Байкем келип апамды өлтүрөм деп түртүп жиберди, андан корком, экөөбүз жалгыз жатканда келсе эмне болот? - деп Гүлнара үрпөйө сиңдисин карады.

- Жинди болуптурбу? - Ишенгиси келбей эжесине үңүлдү. - Мас бекен?

- Ооба, аябай мас экен. Силер түндөсү келип жатып тургула, эжемдерге телеграмма жөнөтсөкпү же?

Экөө эмне кылаарын билбей отурганда такыр сүйлөбөй калган Саада:

- Кыздарым, ал өлтүрө албай жүрөт, мейли коркпой эле койгула, силер болушсаңар силерге дагы колу тийип жүрбөсүн… - деди.

- Койчу апа, чын элеби?

- Жүрөгүм жылыбай калды го, мага ооруну ошол гана берди…

- Жинди, алкаш десе, ага эмне болгон деги, өз энесине колун көтөргөнүн кара, - деп Айзирек тебиреңдеп жатты.

Кенжени атайын жумушунан калтырып, эжелери менен Азимбекти чакырганга жөнөтүштү. Саада үйдө жаткан, Гүлнара тамак жасап жатканда Канатбек келди да, короодон байланып турган атты жетелеп чыгып кетти. Коңшуларынын бири тигини көрүп Гүлнарага айтты эле:

- Мейли, - деп тим койду: "Жакшы болсо ушул үй-жайдын баары ошолордуку болбойт беле? Акылсыз десе, катынынын тилине кирип бир туугандардан жат болду. Кокус апам нааразы болуп кетсе жакшылык көрбөйт" деп ичинен ойлонуп жатты.

Мария, Алия, Назиралар баары жетип келишти. Алар чогулуп эмне кылаарын билбей ары кетип, бери кетип жатып акыры аргасы кеткенде Азимбек намыстанып өзү карамак болду. Баары ага ыраазы болуп үй-үйүнө тарады.

Гүлнара дүкөнгө кеткен, Саада уктап жаткан эле. Таалайкан эки жакты карап туруп кирип келди да, эми гана көзүн ачкан Сааданын жанына отура калып:

- Апа, сизди ооруканага сүйлөштүм, ага сиздин макулдугуңуз керек, анча-мынча бизден кеткенди кечириңиз апа, эртең сизди райондук ооруканага жаткырмак болдук, - деди шаша сүйлөп.

- Кой балам, доктурга барбайм.

- Жо-ок апа, куландан соо болуп кетесиз, жакшы билген врач экен…

- Койсоңорчу айланайын, эми өлөөрүм калганда… - деп, бирок Саада муйугансып калды, аз өмүрүндө өзү басып, таза абада кимдин гана эркин болгусу келбесин, чала-була көз жашы кылган келинине ишенип, кол койуп берди.

- Эртең эле келебиз, чыдай туруңуз, - деди да, Таалайкан шаша чыгып кетти, ал короодон чыгып узап калганда Гүлнара көрүп андан коркуп: "Апамды өлтүрүп койгон жокпу?" деп жүгүрүп кирсе Саада ойгоо жаткан экен, аны көрүп эс ала түштү:

- Жеңем эмнеге келиптир, апа?

- Мени Канатбек экөө доктурга алып барабыз дейт го?

- Кантип, кечээ эле өлтүрмөк болуп жатып кандайча боор ооруп кетти экен?

- Кайдан билем кызым, ичтен чыккан ийри жылаан да, ишенип кагазына кол койуп бердим, - деди Саада онтолой сүйлөгөнгө алы кете үшкүрүп.

- Эмне деген кагаз экен? - деп Гүлнара бир нерседен шек алгандай отура калды. - Доктурга көргөзгөнгө да кол койот бекен?

- Ошондой деди го, ыйлап кечирим сурайт.

- Булар соо эмес апа, мен келгиче койо турбайт белеңиз?

- Экөөңдү уруша кетеби дедим.

- Менин ошону менен урушканымды көрдүңүз беле, кызыксыз да апа…

Алар унчукпай өз ойлору менен алектенип калышты.

Азимбек келем деген убактысынан кечигип жатты. Анын аялы таптакыр каршы чыгып экөө бул кезде урушуп жаткан.

- Апаң кары киши, өлсө арманы жок, жээрин жеп, ичээрин ичти, а сен балдарың үчүн эчтеке кыла элексиң, окууңду бүтүп алсаң кызматка орношуп алып адамча жашайбыз, апаңды багам деп айылда мал багып чылага түшө турган алым жок, барсаң өзүң бар! - Нурмира күйөөсүнө алкынды.

- Ошол жактан келип турам, кудайга шүгүр мал-сал бар, балдарды мектепке окутуп койобуз.

- Барбайм дедим барбайм, өзүң бар!

- Апамды карабасак эл жерге түкүрөт го Нурмира, ансыз деле эжемдер менен карындаштарым багып жатат. - Азимбек жер карай күңкүлдөдү. - Биз деле карыйбыз, бизди балдар ушинтсе кантебиз?

- Оозуңа таш, сен ошону каалап жатасыңбы?! Балдарымды андай кылбасын кудай.

- Койчу эми Нури, ойлончу өзүң деле…

- Бир айтканды түшүнбөйсүңбү, мен эч жакка барбайм.

Нурмира балдарынын бөлмөсүнө чыгып кетти, башын кашылаган бойдон Азимбек отуруп калды.

Гүлнара почтадан телеграмма берди эле Нурмира ага жооп кылып: "Азимбек командировкага кеткен" деп кайра жөнөтүп жиберди. Аргасыз Гүлнара карап жатты. Канатбек менен Таалайкан шаарга көчүп кеткенин укканда ого бетер коркту: "Атайын шаарга көчүп кетип, түндөп келип кол салсачы" деген күдүк ойдо коркуп жүрдү. Бирде оору, бирде соо болуп, Саада сексенге чыкты. Гүлнара дагы турмушка чыгып кетти. Эми жападан жалгыз калтыра алышпай, ага Мария уул-келинин жөнөттү. Колунда эки жашар баласы бар эле, Артистбек менен Гүлмира Сааданы жакшы карап, эшиктин алдындагы малды да багып жатышты. Арадан бир жыл өткөндө анын эшигине эки аял, бир жигит келди, Гүлмира чыга калса алар учураша кичи пейилдик менен баш ийкешти:

- Саламатсызбы, бул үйдө Чоңмурунова Таалайкан деген жашайбы?

- Жок, алар шаарда.

- Анда ал эки жыл мурун бизден кредит алган эле, төлөбөй жатат, - деди жигит.

- Ал кредит алса анын кандай тиешеси бар?

- Эң сонун бар, чоң кыз, бул үй анын наамында болгон соң алып койууга болот!

- Эмне-е?! Бул үйдө анын кандай акысы бар экен? Үмүт кылбай эле койгула, өзүнөн төлөтүп алгыла! - деп Гүлнара жиндене кирип кетти.

Аны көргөн тигилер жылмая ага таңгала карап турду да:

- Чоң кыз, бул документке карасаңыз, унчукпай бошотосуңар, - деди сулууча келген узун бойлуу кыз, - Сиз эмне, түшүнбөй калдыңызбы? - дегенде токтой калган Гүлнара үчөөнү бир сыйра карады да:

12 бет жок

Адам үмүтүн алдап, сезимине ойноп, адамдыктан кетип өзү үчүн гана жашаган пенде, эртеңки күнү өзүнүн эмне болоорун ойуна албай тирүүлүктүн даамын татып, суусун ичип, өмүр кечкени кээде кыжырыңды келтирет. Таалайкан жыйырма бештен жаңы ашып жашоонун кызыгын али жаңы баштаса да турмуштан көптү көргөн жандай турган жерде бал тилге салып арбап бир байкуштардын акчасын шыпырып алып, анан андан безе качып жүрүп, акыры айылына бир топ акча менен келди. Ээрчип кеткен күйөөсү анын бир жолку өнөрүн көрүп эле жолобой калган. Ата-энеси ал келээри менен тилдеп кирди:

- Эл караган бетибизди жер каратып койдуң, Канатбек жакшы жигит эле, аны да биротоло туугандарынан чыгардың.

- Башы жок болсо жүрө берет да, мен аны "апаңа жаман айт" дептирминби? Иштеп акча таап келип оңоп койойун десе да тескери кетишет, - деп Таалайкан тултуңдап жатты.

- Тапкан акчаңды алпарып төк, күндө ар кимиси келе берип тажатты!

- Эмнеге, мен документ койбодум беле? - деп Таалайкан энесин таңгала карады.

- Уятың барбы, кайсы бетиң менен ушуну айтып жатасың деги, алар сени жасалма кагазыңды алда качан таап чыгып үйүн өздөрүнө алган, сени соттоп ийиши мүмкүн, андан көрө акчаңды төгүп бүтүрүп кой.

- Эртең барам, - деп Таалайкан эшикке чыгып кетти.

Ошол бойдон бул сөз козголбоду. Таалайкан ата-энесинин үй жайын оңдоп, өзүнө жер сатып алды. Баласы беш жашта, ал ар качан:

- Апа, атама кетеличи, - дей берчү болду.

- Аны эмне кыласың, жүргөндүр ичип бир жерде, аны апасы үйүнө киргизбейт, алкаш атаңды эмне кыласың? - деди эле Адилет ыйлап туруп алды.

Бир күнү Канатбек Таалайкандын келгенин угуп калып, үйүн айланчыктап жүрүп, баласын көрүп жанына чакырып алды. Жүгүрүп келген Адилет атасына жармашты.

- Ата, мен сени сагындым, алып кетчи!

- Садагам десе, алып кетем, мен дагы сени сагындым, уулум… - деп уулун кучактап ыйлап жатты. Ушул азыр билди ата-эненин балага болгон сүйүүсүн, сезди баланын атага таттуулугун, баалуулугун да. Энесине тийген тилин кайтарып ала албасын да түшүндү. - Апаң кайда? - деди көптө барып.

- Апам бир жакка кеткен, - деп Адилет Канатбекти бекем кучактап алган. - Сиз кетпейсизби, мени таштабайсызбы?

- Таштабайм уулум, апаң менен сүйлөшөйүн дедим эле… - деп Канатбек үй жагын карап кайсалактап калды.

- Кереги жок апамдын, ал сени алкаш дей берет.

- Ошенттиби?

- Ооба, "алкаш атаң сени карап бакмак беле?" деген, мен барам десем урушту.

- Мейли уулум, мен азыр ичпей калдым, андан көрө чогуу жашайлы ээ апаң болуп?

- Ма-акул, - Бала неме эч нерсеге түшүнбөй башын ийкеп койду. - Анан апам сизди алкаш дебейби?

- Жок балам, мен бир аз ичип жүргөнгө ошентсе керек да, кой анда, кеттикпи?

- Кеттик! - деп Адилет атасынын колунан кармап так секирип жөнөгөндө артынан келе жаткан Таалайкан:

- Адилет! - деп кыйкырды эле, ата-бала токтоп калышты. - Баланы каякка алып баратасың?

- Үйгө, - деп Канатбек аста үн катты. - Алып кетсем болбойбу?

- Болбойт, баланы сага бербейм.

- Эмнеге?

- Ошого, экинчи келип баланы талашчу болбо!

- А мен сени менен калбайм, атам менен кетем! - деп Адилет атасынын артына жашынып алды.

- Жаш-шабагыр десе, карасаң тим эле көзүн карап багып жатсам да атасына качканын, өлтүрүп койо электе бас үйгө! - деп Таалайкан жиндене аны кармап алып кетмек болду эле ал карматпай качты.

- Мен атам менен кетем, сени менен калбайм, сен жамансың, атам жакшы! - дегенде Канатбек баласын тыйып:

- Апаңды антпе, сен жөн туруп тур, апаң экөөбүз сүйлөшөлү, - деди бетинен өөп.

- Алып калам деп жатпайбы?

- Алып калбайт! - деп Канатбек баласын тынчтандырды да Таалайканды карады. - Таалайкан, баланы ортодо кыйнабай бирге жашайлы.

- Эмне, мени эми эже-карындаштарыңа талатканы турасыңбы? - деп Таалайкан күйөөсүн акшыя карады.

- Алар антпейт, сен мени менен барсаң эчтеке дебейт дагы.

- Жок, менден баланы алыш үчүн эле ушинтип жатасың, сен ойлобо мени айбан деп, баланы да бербейм, өзүм да барбайм, бизди тынч кой, экинчи келбе! - деп Таалайкан Адилетти шамдагайлык менен колунан ала тартканда бала бакырып ийди.

- Ата-а!

- Өлүп кет, атаңды жөн кой, кетсин, экөөбүз шаарга кетебиз, бас дейм! - деп бакырган Таалайкан менен Канатбек экөө баланы эки жакка тартып жатканда Адилет чаңырып ыйлап жиберди.

Канатбек койо берип:

- Колун жулуп аласың, эмне акшыңдайсың!

- Иш-шиң болбосун!

Ошол кезде үйдөн Эстебес чыга калды:

- Койо бер баланы, жүрөгүн түшүрөсүң, кандай кудай аткырсың ыя, атасынан талашканыңды кой дебедим беле?!

Таалайкан баланы койо берди эле ал Канатбекти кучактап калды:

- Кетеличи ата, мени таштабачы!

- Таштабайм уулум, ыйлабагын ээ?

- Үйгө кир балам, жол бойунда туруп алып урушканыңар болбойт, - деп Эстебес күйөө баласын үйгө карай кол жаңсап өзү алдыга басты. - Үйгө кирип чечишкиле…

- Мен эч нерсени кеңешпейм, сүйлөшө турган сөзүм жок! - деп Таалайкан булкуна кирип кетти. Кайната менен күйөө бала ээрчише киргенде Бермет тура калды.

Төргө төшөк салып, дасторкон жайып чай койду. Көпкө отурушуп сүйлөшүштү, Таалайкан кыялы кармап ички бөлмөдөн чыккан жок. Канатбек өз ойун айтып, тызылдап ыйлаган уулун ээрчитип кете берди. Ал кеткенден кийин ата-эне кызын урушуп, аркы-беркини түшүндүрүп насааттарын айтып жатты. Таалайкан баласынын атасына качканына жини келип өзүнчө буулугуп ыйлап отуруп унчукпай уга берди. Көптө барып анан:

- Адилет ошол бойдон келбей койобу? - деди аргасы кете.

- Атасын сагынбаган бала болобу, кызым. Сен жөн эле бербей койом деп жатасыңбы? Анын да акысы бар, эркек бала атасы менен болгону жакшы, - деп Бермет кызына боору ооруй аста сүйлөдү. - Сен энесиң, ал ата, экөөңөрдүн акыңар бирдей, балаң менен чогуу болгуң келсе Канатбек менен бирге жашашың керек!

- Кантип апа, мен аны таштап койуп башка менен көз көрүнөө кетип калгам да?

- Сенин акылың жок кызым, көрдүңбү Канатбекти, эч нерсе билбегендей болуп кайра алдыңа келип отурат. Мындай күйөөнү таба албайсың, башка болсо үйлөнүп алып баласына да келмек эмес, толуп жатат мындай тагдырлар. Андан көрө эсиң барда этегиңди жап да, кайра бар!

- Апаң туура айтат балам, сен ушундай жигиттин кадырына жете билишиң керек. Ата-эне балдарынын бактысын гана ойлойт. Эгер тилибизди албасаң анда өз алдыңча каалаган жагыңа барып оокатыңды кыл, биерге жолобо! - деген Эстебес сыртка чыгып кетти.

Таалайкан ыйлап отуруп калды.

Арадан он чакты күн өткөндө Канатбек келди. Таалайкан унчуга албады, баягыдай алкынбай ата-энесинин сөзүн укту да, күйөөсү менен кетти. Алар өткөндү унутуп, жаңы жашоонун баштоого киришти. Саада уул-келинине үн дебеди, муздаган жүрөк жылыбады, небересине гана ичи жылып жанында ойноп жүргөнүнө кубанат: "Аттиң, баламдын жаман сөзүн өлөөрүмдө угуп көңүлүмдү оорутуп, жүрөгүм муздай тоңбой беймарал өтсөм болбойт беле, каралдымдын кеби жүрөк башында туруп алды го, кантейин жаратканым. Кеч болсо да эсине келип жашоосун жакшы жолго салып кеткени жанымды жай алдырды, айлам жок" деп күндүр-түндүр ойлонот. Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө күндүн өтмөгү тозок болуп, үлдүрөгөн көздөрүн жума үйдүн алдындагы середе жаздыкка жөлөнүп жатып ой түбүнө жеталбайт. Өткөн өмүрү көз алдына келгенде баары кечээ гана болуп өткөндөй өзүнчө жылмайып алды. Секелек кезинин оор болуп калганы гана эчен жылдар көкөйүнөн кетпей ошол күндү өзү үчүн жаман көрчү…

Балалык курагы бай кедей болуп элдин көбү кат билбей, совет бийлиги курулуп жатканда колунда жок бей-бечаранын үйбүлөсүндө өстү. Он төрткө чыкканда Батыркул манаптын уулу аны экинчи аялдыкка алмак болуп, ата-энесин тоотпой эшигинин алдынан өңөрө качты. Бай-манаптар советтик уйумду уккусу келбей кедейлердин чочоңдоп чоң сүйлөп жыйын өткөрүп, малдуунун мал-мүлкүн алсыздарга тартып берип жаткан убак болгондуктан бир жагы аларга кыр көрсөтүп, өчөшкөнү болсо татынакай болуп бой жетип келаткан аруу кызды көрүп сугу түшүп алып кетти. Атасы Жолоочу кызылдарга арызданып барды эле, алар Батыркулдун үйбүлөсүн таппай калды. Манаптыгына чиренген Батыркул уулу Камчынын кылыгына каршы болмок тургай күпүлдөп кубаттап жатты. Ошол убакта Камчынын аялы күйөөсүнүн үстүнө аял алып келип алганына арызданганы сыртка келип уруксат сурап турду. Камчынын үч баласы бар эле. Батыркул ага үй ичинен эле:

- Балам, байлык-дүнүйө Камчы он аял алса да жетет, оокатыңды жасай бер! - деди.

Аны уккан келини Гүлшан ыйлап-ыйлап акыры көнбөскө аргасы жок экенин сезди да отуруп калды.

- Кызым, - деди Камчынын апасы койондой бүжүрөп жүк түбүндө алардан чоочуркап отурган Саадага карап, - бактың тоодой экен, бир айылдын кадырманы, эл билги манабына келин, Камчынын колуктусу болдуң.

- Эне, колукту деген эмне? - Саада өзүнө жылуу сүйлөгөн аялга жан тарта көзүнүн жашын жеңи менен сүртө байоо карады.

- Аны кийин түшүнүп аласың, кызым, - Суусар көзүн сүзө босогодо өзүн карап турган аялга башын ийкеп койду эле, ал кайдадыр кетип заматта кийимдерди көтөрүп келди:

- Мынаңыз, айым апа.

- Аны койуп кой да кызды жуунтуп келип кийимин кийгиз, алдагы кийимин өрттөп сал! - деди Суусар анан.

Бала неме эмнеге булар минтип жатканын сезбеди, ата-энесин ойлогондо көзүнүн жашы буурчактап кетет да, жакшы айтып, эзели кийип көрмөк тургай көзү көрбөгөн адеми жалтылдаган көйнөк кийгизип, мончок-шуру тагып, чачын өрүп, учуна чач мончок байлагандарына таңгалып кызыгып да отуруп калды. Он түтүн үй тоонун арасында күн кечирип, күндө Камчы бир түшүнүксүз адамдар менен сүйлөшүп кетет да кайра келет. Эки күн өткөндө Сааданы өзүнчө жасалгалуу үйгө киргизип жанына улгайган аялды кошуп берди. Ошол күнү түн ичинде Саада уктап жатканда койнуна бирөө келип жатты эле, Саада бакырып тура калды:

- Байке, коркуп кеттим. Сиз кимсиз?

- Коркпо Саада, мен сенин күйөөңмүн! - деп Камчы шыбырай кызды акырын ордуна жаткырып алып сыйпалап жатты…

Ушул жерге келгенде Саада ичиркенип алды: "Балалыгымды бала бойдон булгады, кыз доордун кандай экенин да сезбей калдым" деп күрсүнүп алып андан аркысын эстеп жатты.

Саада эч нерсени түшүнгөн деле жок, эркек кишинин колу тийгенде бүткөн бойу үркүп кайра тура калмак болгондо ал аны жаткырды:

- Жата бер, жөн эле кучактап жатайынчы ээ?

- Эмнеге, мен корком сизден.

- Коркпо, мен сени жакшы көрөм, сени сүйүп калдым, Саада…

Ал акырын жаагынан жыттап койду.

- Ал эмне, сүйгөн кандай болот?

- Сүйүү деген жигит менен кыздын сүйүүсү, алар сүйүшөт, анан бирге жатат.

Ал улам аны чоочубасын дегендей кучактап алып көндүрмөккө жүзүнө тумшугун алып барып жыттап алып жатты, жаш кыз анысын кайдан билсин:

- Сиз жаман кишисиз, мен атамдарды сагындым, - деди ыйлап.

- Сени өзүм алып барам, атаңдарга калыңды мол берип төркүлөтүп барабыз.

- Төркүлөткөн эмнеси?

- Сен ата-энеңе төркүлөп барып кайра мени менен келесиң.

- Жок, мен кайра келбейм! - деп Саада ага мойун бербейт..

Күндө ушул көрүнүш. Негедир ошондо Камчы аны катуу сүйгөн окшойт, ага кордук көрсөтпөдү, акырындап көндүрүп, өөп-жыттаганга өттү, аялынын өргөөсүнө барбады. Гүлшан жыйырма жетидеги сулуу десе сулуу келин. Ал күйөөсүнүн жаш кызды алып келип алганына жини келип төркүнүн чакырмак, бирок кырдаал өтө курчуп жаткандыктан айла кыла албады. Анын атасы да манап болгондуктан көчүп-конуп, мал-мүлкүн кедейлерге бергиси келбей качып жүргөн.

Камчы ошентип кыз кылыгын чыгарып күндө койнуна жатып жүрүп, акыры максатына жетти.

Саада ошол түнү аны жек көрүп ыйлап жатты:

- Сен жамансың, мен сени жек көрөм, мен сага аял болбойм, жаштыгыма карабадың!

- Ошо кантип болсун Саада, мен сени аябай жакшы көрөм!

- Калп, сен мени ала качып келдиң, улуу кишисиң, картаңсың!

- Антпе Саада, мен сени сүйөм!

Сааданы күндүзү Суусардын жанына алып келип койот. Ал дагы ага жаман айтпай, ар кайсыны айтып кобурап отура берет. Арадан жарым жылдай өткүчө алар кайра-кайра көчүп турушту. Сааданы жасалгалуу атка мингизип койуп, Суусар өзү коштоп алып жүрөт.

Бир күнү Саада катуу уктап жаткан, түш чен болчу. Топурап бирөөлөр үйлөрүн бузуп калышты. Негедир шашып жатышканын көргөн Саада таңгалып жатты. Алар жүктөрүн жүктөп, эми көчтүн алды жолго чыкканда бир топ атчан аскерлер аларды алды-артынан курчап калды, көпчүлүгү аялдар менен балдар, кул-күңдөр эле. Келген аскерлер ат минип бетин чүмкөнгөн келиндердин ичинен Сааданы издеп жатышты.

- Кана кыз, каякта? - деди бир солдат атчан аялды жылоолоп.

Ал Гүлшан болчу, ичи күйүп ансыз да жини келип жүргөн келин ага акырын шыбырап кайненесинин жанында эң алдыда кетип жаткан Сааданы көрсөттү. Алар көчтү токтотуп баарын айылга алып жөнөгөндө солдаттардын ичинен кызын издеп жүргөн Жолоочуну көргөн Саада:

- Ата-а! - деп кыйкырып жиберди эле, ал жетип келип кызын аттан түшүрүп, өзү өңөрдү да жолго түштү.

Алар манаптын үйбүлөсүн түгөл айылга алып келатканда беш-алты атчан артынан кууп, ок чыгарып жетип келди, аскерлер катын-балдарды тегеректеп алып атышып ызы-чуу түшүштү. Ошондо аскерлердин командири:

- Үйбүлөңөрдү сактагыңар келсе тынч колго түшүп бергиле! - деди кыйкыра.

- Бала-чаканы жайына кой, биз барып беребиз! - деди алардын башчысы.

- Булардын коопсуздугун толук сактайбыз, андан көрө каршылыксыз өз эркиңер менен ок чыгарбай колго түшкүлө. Биз силерге тийбейбиз, айылга барып өз оокатыңарды кылгыла, биз душман эмеспиз!

- Жо-ок, биз силерге кошулбайбыз, кара тамандарга мал-мүлкүбүздү бергенче атышып өлөбүз! - деди дагы бири.

Камчы жаш колуктусун атасы Жолоочу өзү өңөрүп алганын көрүп жини келе аларды көздөй ок чыгарды эле, тигилер минген ат үркүп кетип жыгылып кетти. Жолоочунун буту үзөңгүгө илинип бир топко ат сүйрөп кеткенде Саада чаңырып ыйлап жатты:

- Ата, атакебай! Жардам бергилечи, атамды сактагылачы?! - деп бакырганда беш-алты аскер аны көздөй чаап топурап калганда Камчы Саадага жетип жерден эңип алды да өңөрүп чаап баратканда Саада ого бетер чаңырып, тыбырчылап кыйкырганына карабай ээрге бекем ныгыра:

- Үнүңдү бас, сен эгер үйүңө кетсең ата-энеңди көз алдыңда өлтүрүп койом. Кыйкырбай үнүңдү бас! - деп ызырынып жатты.

Анан атын камчылап жөнөгөндө анын артынан беш атчан кууп жете берээрде Камчы кайрыла калып эки-үч жолу ок чыгарды эле, аскерлердин экөө жыгылып калды. Ээрге боортоктоп жатып алып окту жаадырып жатканда Камчыга ок тийип, ал көкүрөгүн кармап ооп баратып:

- Эй Саада, мен сени чын жүрөгүм менен жакшы көрчү элем, жанымдан артык көргөн аялым өзүм менен бирге болушу керек! - деп курундагы канжарын алып аны сайаарда Саада аны түртүп жиберип өзү да аттан түшө качып жөнөдү.

Манап Батыркул аны эңип алып чаап кетип баратты. Анын алдындагы аты күлүк болчу, эч кимисин караандатпай кетип жатты. Калгандары анын артынан чаап баратканда ал артына кайрылып:

- Камчыны таштабагыла! - деди эле бир-экөө кайрылып аттан түшө калды да жарадар болуп жаткан Камчыны эптеп өңөрүп калганда кызыл аскерлердин он чактысы аларды тегеректеп калды.

- Куралыңарды таштагыла, биз силерге тийбейбиз! - дегенде аргасыз колдорун көтөрө туруп калышты.

Үч аскер Батыркулду кууп кетти. Калгандарын айылга алып келип үйлөрүн тиктирип жатып командир аларга кайрылды:

- Биз душмандык кылбайбыз, качпай эл ичинде бала-чакаңар менен тынч жашагыла! - деди.

Ошол күнү Батыркулду алып келишти. Сааданы өз үйүнө жеткирип койуп, бети башы жарылган Жолоочуну да алып келишти. Камчынын ок тийген жерин канчалык таңып карашса да ал оңоло албай он күндөй жатып оо дүйнө салды.

Батыркул уулунун өлгөнүнө жинденип малын бербей аскерлер менен урушуп жатты:

- Мен кара таман кедейлерге мал-жанымды бербейм, силердин уйумуңарга да кирбейм, мени тынч койгула! - деп болбой койду эле аны камап койушту.

Аны менен бирге төрт адамды камап, мал-мүлкүн ортого тартып алышты.

Суусар дагы тынч жатпай өзүнүн кул-күңдөрүн каарып:

- Дегеле ушулардан күйдүм, тең ата болгулары бар, силердин ата-бабаңар биздин босогодо күн көрүп, кара жанын багып келген, - деп кирип-чыгып жатканда бала кезинен күң болуп Суусардын көзүнүн агы менен тең айланып, таң аткандан жатканга чейин жанында жүргөн Көйкөл:

- Айым апа, бизди анчалык кордобоңуз да, бай-манаптардын заманы кулаганын уккан жоксузбу, бей-бечаралардын заманы орноду, эми бай-кедей, кул-күң деген болбойт экен, - деди бүгүлө калып, - Иленин деген адам "баардык адам бирдей" дептир!

- Ошол заман силерге кийим-кече, тамак-аш болуп бермекпи? Колунда бардын сөзү улук, бийлиги күч болот, темтеңдебей ишиңди кыл!

Ошондо Көйкөл:

- Койсоңуз айым апа, биз эми тең атабыз, андан көрө күйөөм экөөбүздүн канча жылдан берки эмгегибиздин акысын берсеңиз, биз дагы эл катары жер алып өзүбүзчө үй күтөлү, - дегенде Суусар чарт жарылды.

- Кайсы эмгегиңерди айтасың ыя, ичип-жеп, кийип жатсаңар каяктагы акыңар калат?

Алар айтышып жатканда төөчүсү, койчусу, уйчусу да келип өз эмгегинин акысын талап кылып туруп алды эле, Суусар силкинип аларга акырая карады:

- Эшигимде жүрүп жугундумду ичип жан сактаганыңар аз келгенсип менден аны доолайсыңарбы?!

- Кедей кембагалдардын өкмөтү бизге жер энчилеп берип жатат, өз энчибизди алып калышыбыз керек!

Суусардын аргасы кетип, эркектери жокто өзүн киши ордуна санабай акы доолаган кул-күңдөрүн колунан келсе жеп жиберчүдөй болуп турду. Акыры сандыгын ачып, ар бирине он теңгеден берип жөнөттү, ага ыраазы болбой Көйкөл күйөөсү Кулубай экөө Батыркулдун минген атын жетелеп кетти. Ичи күйүп, сүйлөгөн сөзү өтпөй калганына Суусардын жини келди. Камчы жалгыз баласы болчу, балдары жаш, баш көтөрөөрү жогунан бечаралардын кыр көрсөтүп, өзүнө тең ата болгонуна ызасы кайнап жатты. Көзүнүн кыйыгынан ишаарат алып аткарып турган күңүнө ачуусу келип аргасы жок турду. Өкмөт Батыркулду, ага кошуп дагы беш-алты бай-манапты түрмөгө айдап ийди. Убагында алдынан кыя өтпөй: "Айым апа" дечүлөр эми "Суусар апа" же жөн эле "Суусар" дей баштаганда жаны жай албай: "Кудай бардыр ээ, кул кутурса так талашат, күңүң көпсө бак талашат болду го, айла канча" деп үшкүрүнө отуруп алып уулунун кайгысы бир жагынан мүңкүрөтүп төшөккө жатып калды…

Саада андан аркысын ойлоого кудурети жетпеди.

Сааданын абалы оорлоп, сексен сегизинде дүйнөдөн өтөөр алдында уул-кыздары тегеректеп жанында отурушту. Башын жерге салган Канатбек апасынын колун кармамак болду эле, кары акырын колун тартып алды.

- Апа кечир мени, ыраазы бол апа…

- Эмнеңе ыраазы болом, уулум… - Саада башын ары буруп кетти, - сенин сөзүң сөөгүмө өткөнүн неге түшүнбөйсүң, ыя? - деп алсыз көздөрүн уулуна заар чача тигилткенде Канатбектин жүрөгү шуу этип кетти. - Кыяматта көрүшөөрбүз, уулум, - деп Саада тескери караган бойдон үн катты.

Аңгыча Адилет көзүнө чалдыкты эле, Саада үнүн араң чыгарып аны жанына чакырды:

- Эне, абалыңыз жакшыбы? - деп Адилет чоң энесинин жанына чөгөлөй отуруп карады.

- Жакшы берекем, өмүрлүү бол садагам, сага ак батамды бердим, кудай сенден бар ырыскысын аябасын, мээримдүү, кайрымдуу бол, садага. Өмүрүңдө көп нерсени көрөсүң, асты эне-атанын назарын сындырба! - деп шыбырай алсыз колу менен башынан сылады. Андан кийин кыздарына-уулдарына акыркы сөзүн айтып сунала жатып калды.

Ызы-чуу болуп калышты. Канатбек ичинен сызып: "Апам мага нааразы болуп кетти, өлөөрүндө да кече алган жок, ушунча өткөргөн экемин ээ.. Мейли, Адилетке батасын берди, ошого ыраазымын" деп өз милдетин аткарып өзүнчө кыжаалат болуп, апасын койгуча жаман болуп жүрдү.

Адилет апасын жаман көрүп жанына жолобой:

- Сен жамансың, чоң энемди капа кылгансың, атамды чоң энеме жаман көргөзгөнсүң!

- Эмне деп атасың балам, сени кандай жакшы көрөөрүмдү билесиңби? - деп Таалайкан тыбырчылай Адилетке жини келип кетти. - Атаңа мен апаңды уруш дептирминби?

- Атамды деле чоң энем ошентип чоңойткон да, сүйлөшпөйм сени менен! - деп Адилет ары басып кеткенде Таалайкандын күйбөгөн жери күл болду.

Өлүктү ага-тууган каада-салт менен койушту. Ата-энесинин үйүндө Канатбек калды. Эже-карындаштары, иниси алардан эч нерсе талашкан жок.

Таалайкандын бойуна болуп, төрөөрүнө аз калганда эле ичтен өлүк түшчү болду, акыры мүрзөгө барып, ата-энесинин мүрзөсүн тайып келгенден кийин төрөп, анысы эки-үч ай болгондо чарчап калды. Алар Адилеттин көзүн карап, жалгыз бала деп ойундагысын аткарат.

Адилет акылы жетик, өтө ыймандуу болуп өсүп баратты.

Негедир алардын эшигиндеги малы өспөдү, жазда арыктап өлүп, жайкысын жайлоодон кырылып, таптакыр куру жалак калышты. Элдин баары соода менен алек болуп алдуусу, алсызы да шаардан шаарды кыдырып үй-жайдан безген убакта өтө тартыш болуп тамак-аш тургай жармага зар болгондо Таалайкан күйөөсүнө:

- Энең сени өлбөй-житпей азап тартсын деген экен, мына колубузда калган малы буйрубай чычкак улак калбады, эми эмне кылабыз? - деди бир күнү.

- Эми өлгөн кишиге асылбай жөн жүрсөңчү, башыбызга түшкөнүн көрөбүз да, андан көрө туулган балабыздын турбай атканына кейисең боло?

- Болот, бир баланы багалбай атасың, төрөсөм аны багыш керек, баланы баладай бага албагандан кийин анын туулганын тилеп эмне кылмак элең? - деп Таалайкан силкине туруп кетти.

- Кесирсиң жаман, оозуңа келгенди сүйлөй бересиң да, ар бир төрөлгөн адамдын ырыскысы бар! - деп Канатбек аялына жини келе кыйкырды, - Экинчи ата-энемдин атына шек келтирчү болсоң…

- Эмне-е, анда эмне кыласың, өлтүрөсүңбү ыя? - деп Таалайкан кайра кирип келип бөйрөк таяна алкынып кирди. - Мен эмне, энеңди өлтүрдүм беле?

- Болду, сенин тилиңе кирип, айтканыңды аткарам деп апамдын назарын сындырып алып, ыраазылыгын алалбай калдым!

- Өзүнүн пейили тардыгынан да, ушунча балдарынын ичинен сага нааразы болгон! - деген аялынын сөзү Канатбектин жүрөгүнүн толтосун жарып кеткендей болду.

Үнсүз көзүн жума отуруп калды: "Ушундай аял менен өмүрүмдүн аягына чейин жашамак болдум, өмүр бойу кыйнайт го?" деп зыңгырап калды. Ошол күнү Таалайкан жатып алып уйкусу келбей кыйнала берди. Көзү илинсе эле кайненесинин сөлөкөтү көрүнүп чоочуп ойгонот. Бир кезде катуу уктап кетти. Саада анын жанында отуруптур. Таалайкан: "Апа, сиз өлбөдүңүз беле?" десе "Мен өлгөн менен ар убак силердин жаныңардамын, сен мени тирүүмдө сыйлабаганың аз келгенсип арбагыма шек келтире баштадың балам, арбагымды сыйласаң болбойт беле?" деди да заматта көздөн кайым болду. Таалайкан чоочуп ойгонду, кара терге түшүп жүрөгү лакылдап калган. Ошол бойдон уктай албай таң атырды. Эртеси Канатбекке айтмак болду, бирок айтууга оозу барбады. Ошондон тартып Таалайкандын түшүнө Саада кире берчү болду, кадимкидей үйдө басып жүрө берет… Таалайкан эмне кылаарын билбей кыйналып өзүнөн-өзү арыктап, өңү азып баратты. Дагы бир күнү көзү илинип кетти, кайната, кайненеси өздөрүнүн бөлмөсүндө кобурашып отурган экен. Таалайкан акырын басып, босогого барып, тыңшап турса: "Келинибиз уулуңду кыйнады го, ушунчалык да мээримсиз жан болобу?" деп кайнатасы кадимкидей сакалын сылай кемпирин карады. "Кой чал, кейибе, мен балабызга тирүүбүздө нааразы болуп калгам. Экөөнүн жашоосу оңолбойт, кө-өп кыйынчылыктарды тартат. Таалайкандын тили жаман, атасы, эми ал дагы мен көргөндү көрөт, жакында шал оорусуна кабылат". "Анда Канатбек кыйналат го?" "Пешенесинен табат, атасы, мен айтчу элем сага, көп эркелетпе деп, ыймансыз-кайрымсыз болуп чоңойду, өзүнө жараша ыймансыз аялга туш болду" Таалайкан буларды угуп туруп:

- Жо-ок! - деп бакырып тура калганда Канатбек ойгонуп аны тарткылады.

- Эмне болуп кетти деги, эмнеге бакырдың?

- Жөн эле, чоочуп кеттим окшойт, - деп Таалайкан көргөн түшүн айтпай жүрөгүнүн лакылдаганын тыңшай нары карап жатып алды: "Жакында ал дагы мен көргөндү көрөт, шал ооруга чалдыгат" деген кайненесинин сөзү кулагына жаңырып көзү илинбей жата берди.

Таалайкан бара-бара сөз көтөрүмү жок болуп, ого бетер чыртылдап болоор-болбоско коңшусубу же күйөөсүбү кыйкырып, бакырып уруша кетчү болду. Аны Канатбек: "Бул кыялы өлгөндө эле калбаса калбайт го" деп унчукпай кутулчу болду.

Адилет сегизинчи класска окуп мектептеги алдыңкы окуучулардан болду. Акылы тетик, баарын айттырбай билет, оор басырыктуу болуп өсүп келе жатты.

Таалайкан күнүнө уктаарда жүрөгү зыркырап түндүн кириши ал үчүн тозок болду. Колунан келсе төшөккө жаткысы келбей жумушун жасап жүрө берчү болду. Ал Канатбекти каарып: "Ун жок, май-чай жок, сен адам болсоң иштеп табат элең го, ата-энеңдин малы бизге буйрубады, өлгөндө да тынч жатышпай эчтекесин ыраа көрбөдү го?" деп алкынып, бакырып-өкүрүп жин даарыгандай анын кулагын койбойт.

Ошол күнү Таалайкан негедир өзүн жаман сезип кеч киргенде уйкусу келип эле жаткысы келип карайлап туруп алды. Жүрөгү бир жамандыкты сезгендей лакылдап жаны жер тартып, эч нерсеге көңүлү келбей төшөгүн салып жатып алды. Канатбек алда качан уйкуга кирип коңурук тартып жаткан. Адилет сабагын даярдап отурган. Эми эле жаткан, көзү илинип илинбей эле көзүнө Сааданын элеси көрүнүп: "Ийи, мага асылган оозуң ушулбу?" - деп акырая караганда Таалайкан алдастап кыймылдап тура калмак болду эле үстүнөн таш баскандай кыймылдай албай жатты… "Сен эми шал болосуң, шал болосуң" деп карааны алыстап кетип жатты: "Апа-а, кечир мени, кечир апа-а!" деп кыйкырып жатып ойгонуп кетти. Аны Канатбек жулкулдатып ойготуп жатыптыр.

- Эй Таалайкан, сага эмне болду, турчу өйдө!

- Мага эмне болду? - деп Таалайкан өзү да эч нерсеге түшүнбөй кара терге түшүп, көзүн ачкан менен өйдө боло албады, - Канат, мен кыймылдай албай жатам да?

- Койчу, чоочуп ойгонгондуку го, жата бер, эс алып каласың. Суу ичесиңби?

- Муздак суудан берсең берчи!

Канатбек түн ортосунда идиштерди калдыратып суу алып келди. Суу ичип бир аз эс алгандан кийин көргөн түшүн эстеп жүрөгү шуу этип алды: "Кудай сактай көр, ырас эле шал болуп калсам канттим?! Түшүмдө андан кечирим сурап жатыптырмын, ал эмнеси? Же куран окутуп кечирим сурасам бекен? Жаштыгымбы же жамандыгымбы - кайнене-кайнатамдын каргышына калган окшойм" деп улутуна колун өйдө кылмак болду эле, колун оор жүк баскандай кыймылга келбеди. Таалайкан көзүнүн жашы көл болуп ыйлап жатты. Үн чыгарбай сыздап ыйлап кудайга жалынып, Сааданын арбагынан кечирим сурап жатты. Ушунчалык бекемдигинен Таалайкан жанында жаткан күйөөсүнө бир сыр ачпады. Канчалык аракет кылса да буту-колу кыймылдабай зылдай оор жүк баскансып: "Сен эми шал болосуң, шал болосуң, шал болосуң!!!" деген үн кулагына жаңырып жан алакетке түшүп, Таалайкан денесин кыймылга келтирүүгө аракеттенип жатты.

Эртеси Канатбек ойгонуп сыртка чыгып келип Таалайканды ойготмок болду, ал уктабай жатып таңга маал гана көзү илинген.

- Тур, таң атмак тургай түш болойун деп калыптыр, - дегенде көзүн ача күндөгүсүндөй эле козголо койом деп, бирок денесинин таштай оор болуп катып калганын билип, Таалайкан түндөгү түшүн эстеп:

- Канат, мен туралбай жатам, - деди аста гана.

- Эмнеге? - Канатбек аны үрпөйө карады.

- Билбейм, өйдө кылчы!

- Түндө чоочуп калгансың го? - деп Канатбек аны колтугунан ала өйдө кылды.

Таалайкан өзү да аракет кылды эле, анысы текке кетти.

- Канат, мен ушинтип баспай каламбы? - деп Таалайкан ыйламсырап ийди.

- Коркпо, молдо алып келип дем салдырайын, катуу чоочугансың го? - деп Канатбек аялын эптеп өйдө кылып отургузмак болду эле, айалынын кыймылсыз денеси түптүз болуп, отурганга болбоду.

Канатбек акыры анын артына жөлөнгүч койуп отургузду да:

- Кой, эртерээк барып чакырып келейин тиги молдону, - деп эшикти көздөй жөнөдү.

Таалайкан үнсүз мелтиреп отуруп калды: "Мен каргышка калган экенмин. Кой, экинчи ата-энесине тил тийгизбейин. Арбагынан кечирим сурайын. Өлөөрүндө кечирим сурамак тургай жанына барган жок элем, жок дегенде ыраазычылык сурап койсом болмок экен" деп ойлонуп отурганда кобураган үндөр чыгып Канатбек менен молдо келип калды.

- Молдоке, түндө бир бакырды дейсиз, анан эле кыймылдай албай калды.

- Ээ парваддигар, ээ Алла, ээ Алла, кудаанын не кылаарын билбейбиз балам, пендесин өзү жасайт экен, ооруну өзү берип, шыпасын да өзү табат, Алла жар болсун, - Молдо Кутманбай көрсөткөн орунга отурду да теспесин ары-бери өткөрө көзүн жумуп алып күбүрөнүп улам Таалайканды көздөй "чу-ув" "чу-ув" деп койуп көпкө отурду. Анан көзүн ачып, - Келиним, бу сенин ооруң өтө кыйын экен, кайната-кайненеңдин арбагын нааразы кылыпсың, мүрзөсүн тайышыңар керек. Алардын тирүүсүндө ыраазылыгын албапсың! - деди башын чайкай.

- Молдоке, ошондо түзөлүп кетеби анан? - деп Канатбек корккондой молдону суроолуу карады.

- Сакайып кетет деп айтуу кыйын, бирок мен айткандарды аткаргыла! - деп молдо ордунан туруп кетмек болуп сыртка карай жөнөдү.

- Молдоке. Кайра дагы келип дем салып бериңиз ээ, мен мал таап куран окутайын.

- Келип турам, - деди да, молдо жөнөп кетти.

- Биз туура эмес кылыппыз Таалай, эми бир эчкини кайдан табабыз?

- Кайдан билем? - Таалайкан көзүнүн жашын көлдөтө ыйлап жатты. - Апамдарды чакыр, Адилет барып келсин…

- Мейли, аны аякка жиберип, мен эптеп бир жандык издейин, - деп Канатбек ички бөлмөдөн Адилетти ойготту.

Ал туруп апасынын ыйлап жатканын көрүп: "Дагы атам экөө урушкан го" деп эшикке чыгып жуунуп келди:

- Дем алыш күнү да тынч уктатпайсыңар, эмне мынча эрте ойготтуңар?

- Кайдан эрте, саат ондон өттү. Апаң ооруп калды, таятаңдарды чакырып кел!

- Дагы урушкансыңар го? - Адилет апасына карады, - сиздей аялдарды көп эле көрдүм апа, сиз такыр башкачасыз, атама деле асыла бересиз…

- Сен эле калдың эле… - деп Таалайкан уулуна ачуулана карады, - тиги термостогу чайды алып кел дагы дасторконду алып кел!

Адилет:

- Өзүңүз эле алып келбейсизби? - дегенде Канатбек кирип келип:

- Өзү алып келе турган болсо ошентип отурмак беле, көрбөйсүңбү кыймылдабай калганын, - дегенде Адилет апасын жалт карады да:

- Оозуңуз эмне болгон? - деп үрпөйө калды.

Таалайкандын оозу бир жагына кыйшайып калганын Канатбек мурун эле байкап унчуккан эмес, баласынын сөзүнөн улам Таалайкан да чоочуп:

- Оозум эмне болуптур? Күзгүнү берчи, - деди.

- Жөн эле айтып жатат, бала да. Сенин кыймылдабай калганыңа коркуп башкача көрүнүп кетсең керек, - деп Канатбек өзү дасторкон жайып чай куйду. - Буйурса молдокенин айткандарынын баарын кылсак жакшы болуп кетесиң, - деп аялын алаксыта сүйлөп жатты.

Адилет бала эмеспи, апасынын ордунан жылбай калганына ичинен боору ооруп таятасы Эстебестин үйүн көздөй ылдамдай басып кетип жатып: "Эмнеге баспай калды, жөн эле атамды коркутуп жаткан жокпу?" деп тез эле таятасыныкына жетип келди. Анын келгенине Эстебес менен Бермет экөө тең кубанып алдына май, сүзмөсүн койуп:

- Ал-ала гой садага, дегеле келбей кеттиңер, окууң жакшыбы?

- Ээ жээним буйурса бир облусту башкара турган жигит болот, - деп Эстебес жээнин мактап жонунан таптап койду, - ыраспы, жээним?

- Көрөбүз да таята, кыскасы окуум жакшы, отличник болуп жүрөм, бирок атамдардын мени окутмак тургай нан таап жей турган алы жок!

Жер карап айтты муну.

- Койчу, бир топ эле мал-салы калбады беле, эмне кылышты аны?

Эстебес жээнин элейе карады, анткени кыз-күйөөсүнүн тынч жашап жатканына кубанып: "Көп барбай койолу, тынч жашап калышты, жакын турса келе берет деп корктук эле, кудай жалгап тынчып эле калды" деп жүрүшкөн эле.

- Алардын бири калбай кырылып калган!

- Балакет десе, ырыскы да жукканга жугат, буларга жуккан эмес экен, куда-кудагыйдын ырыскысы өздөрү менен кеткен тура…

Эстебес ойлуу отуруп калды. Адилет апасынын ооруп калганын айтканда андан бетер чоочулашып тезинен кийине калып Адилетти атына учкаштырып алып жетип келишти.

Ата-эне кызынын оозу кыйшайып калганын көрүп чоочуй түшүштү. Эстебес күйөө баласы менен кеңешип алды да:

- Ботом, кайдан издемек элең, мен өзүм эле тоодон алдырайын, мындайда төркүндөрүнөн алат малды, эртең эрте алып келем, сен биерде калып Таалайканды кара, - деп Берметти карады.

- Ооба-ооба, карабай анан, карабасам болбойт. Карангүн ай, "кыял жоругуңду оңдо, тилиңди тарт" деп канча айттым, шоруң катпагандай эле кызы-ым, - деп Бермет бышактап кирди. - Кудай боор ооруп койсо экен эми.

- Апа, - деди Таалайкан сүйлөгөнү саал коошпой, - Көптөн бери эле кайненем түшүмө кирип жүргөн.

Ал муундары калчылдай көздөрүнүн тегереги да титирегендей болуп зорго сүйлөп жатты.

- Ошондо кандай бир барып айтпадың, биз сени ынтымактуу болуп, ызы-чуусу жок жашап калды деп эле келбей жатпадыкпы?

- Баралбадым апа, өзүмдөн-өзүм коркуп жүрө бердим. Канатка деле айткан эмесмин, бүгүн молдону чакырып келип дем салдырды эле, молдо баарын айтты…

- Карангүн ай, карангүн… - деп Бермет кейип-кепчип жатты.

- Антип зээнимди кейитпечи апа, ансыз да өлгүм келип зорго турганда, - деп Таалайкан дагы эле бир кыялын кармата апасына силкине кетти.

Канатбек менен Эстебес эшикте сүйлөшүп туруп анан кирди. Чай ичип алып Эстебес үйүнө кетти, анын үйүндө келин-уулу, неберелери бар. Келинге экөө тең өз баладай карашкандыктан келини да кыя өтпөй сыйлап турат, баласы үйүнүн жанына дүкөн салып соода кылып жашоолору оңолуп калган. Таалайкан үйүн оңдоп, бир аз майда жандык сатып берген, алар төлдөп бир топ болуп калган. Эстебес келип эле, уулун жайлоого жиберди. Ал кечке жуук бир кой, бир эчки өңөрүп жетип келди. Дароо эчкини таштап, койду өңөрдү да кыз-күйөөсүнүн үйүнө жөнөдү. Ал койду куран окутса, эчкини түлөө өткөрөм деген ойдо алдырган эле.

Айылдын аксакалдарын чакырып мүрзөнүн башына барып сыйынып, куран окутуп, андан кийин үйүнө келип, дагы эл чакырып куран окуду, молдо көргөн билгенин, уккандарын айтып отурду. Эстебес кызына жаны кейип, анын жакшы болуп кетишин тилеп Бермет экөө кайгырып жатышты. Адилет да ичинен сызып апасынын оорукчан болуп ордунан жылбай калганына капаланып жүрдү. Ал дайыма коңшусунун өзү менен тең баласы Кыдырбек экөө абдан ынак эле, кайда барса экөө бирге жүрө турган. Алар бир да жолу бири-бирин капа кылчу эмес, эгер бирине башка балдар тийишип же бирдеме десе экинчиси ага болуша кетчү. Кыдырбектин ата-энеси бардар турушат. Кийинки кездерде Адилеттин кийими жупуну болуп кабагы бүркөлгөнгө Кыдырбек аны сооротуп көңүлүн улап жүрдү:

- Адилет, сен апаңдын ооруп калганына капа болуп жүрөсүң го, кайгырба анчалык, жакшы болуп кетет.

- Апамдын кыймылдай албай жатып калганы жаман болду, доктурга көрсөткөнгө акчабыз да жок, ошого капамын да, - деп Адилет үңкүйүп отурганынан жазбай күңкүлдөдү. - Эмне кылышты билбей калдым.

- Эчтеке эмес, жакшы болуп кетет, - Кыдырбек башка эчтеке дей албады.

- Мен окуудан чыксамбы дейм…

- Эмнеге?

- Жумуш болсо иштеп апамды айыктырганга акча таппасам болбойт.

- Эмдиги жылы бүтөбүз, эптеп бир жыл чыда, аттестатыңды алгандан кийин деле иштейсиң, - деп Кыдырбек бир нерсени ойлонгондой досуна карады. - Мен апамдарга сүйлөшүп көрөйүнчү, эгер убактылуу акча таап берип турсачы?

- Аны кайтарып бериш керек да, андан көрө иштеп тапканым жакшы.

Адилет досунун ата-энесинен акча сурап карыз болгондон намыс кылды. Ошол жылы ал мектепке барбай өзү сүйлөшүп мал бакканга чыгып кетти. Канатбек болсо үй курганга иштеп, Таалайканды Бермет багып калды. Ал жадагалса чыны-кашыкты да өзү кармай албайт, колу өйдө көтөрүлбөй сулк эле жатат. Куран окутуп, дем салдыргандан кийин бир аз гана колунун манжалары кыймылга келип, бирок көтөрүлбөйт. Ошентип жатып калгандан бери түш көрбөй калды: "Мени шал кылып койуп табаарың эмне эле бусурманым? Жаштыгым, жамандыгымды кечирип койсоң болбойт беле, мынчалык эмне өчүгүштүң?" деп жалдырап жатып көзүнүн жашы кычыгынан ылдый агып жаздыкка сиңип жата берет. Анын кыйналганын көргөн эне андан бетер ичтен сыздап эшиктен ыйлап сооронуп кайра кирет. Жашы өткөн убакта толугунан келген кызын тосуп, кийимин которуп, жаш баладай кашыктап тамак ичирүү өтө кыйын болду. Эки күндүн биринде Эстебес эт, майын артынып келип кетет.

Адилеттин окубай калганын угуп Таалайканга айтышкан жок, анткени анын жаткан бөлмөсү бөлөк эле:

- Адилет эмнеге мага кирбей калды, апа? - деди бир күнү Таалайкан.

- Быйыл экзамен берет экен, ошого көп окуп кеч жатып, эрте туруп кетип жатат, ал баш бакканда сен уктап калып көрбөй каласың го, кызым.

- Ошондо деле бир көрүнүп койбойт беле?

- Койчу кызым, Адилетимдин акылы бар, аман болсо Канат экөөңөрдү ошол багат.

Бермет кызынын көңүлү көтөрүлсүн деген менен Адилеттин кетээринде айткан сөзүн эстеп алды: "Апаңды доктурга алып барганга болбойт, молдо дем салса эле сакайып кетет"- деди Бермет анын окубай тоого мал кайтарганга кетип жатканын укканда. "Жо-ок таене, молдонун дем салганына кантип айыкмак эле, врачтар күчтүү укол салып карабаса болбойт". "Андай болсо акча тыйын табылат кагылайын, ушу кызымдан эчтеке аябай калалы, эжелери-агалары деле айтып жатат, мунуку андай оору эмес" десе болбой чыгып кеткен. Эстебестин күйөөдөгү кыздары, келин-уулдары келип-кетип жатышты. Мария, Асия болуп Канатбектин эже-карындаштары, иниси чогуу келип калышты. Алар Таалайканды көрүп чоочуп:

- Канат, минтип алып отурганың кантип болсун, чоң доктурга көрсөтүшүбүз керек, - деди Мария, - Адилет окуп жатабы?

- Жок. Жер карай күңк этти Канатбек.

- Кайда жүрөт окуусуна барбай, тентектик кылып жатабы?

- Ал кыштоодо…

- Эмнеге?

- Апасын дарылатам деп акча тапмак болуп кетип калды.

- Ошо тырмактай баланы суукта кыштоого жибербей эле койсоң болмок…

- Эмне, Адилет мал багам деп кетти беле? - Таалайкан башын көтөрмөк болуп бирок көтөрө албай онтолой сурады. - Мага эмнеге айтпадыңар?

- Биздин кеп-сөздү укпады, сени чоң доктурларга көрсөтөм деп болбой койду, - деп Бермет күнөөлүүдөй жооп кылды.

- Кудайым ай, ушинтип жалдыратып койгуча алып кетсең боло?! - деп эчкирип жиберди Таалайкан..

Баары унчукпай анын абалына боору ооруй отуруп калышты. Аны шаарга алып кетели дегенге Таалайкан такыр болбой койду. Адилетти Азимбек ат менен барып алып келди, бир ай жүргөнүнө мал ээси Калдарбек беш миң сом бериптир, бирок ошол кезде беш миң рубл эч нерсе болбой калган эле. Эл жүз миң, элүү миң рубл кармап бапыраган акчанын берекеси кетип турган кез. Азимбек ээрчитип келип, ага баары айтып жатып директорго сүйлөшүп окуусуна киргизип койушту.

Мария Таалайканды ой-бойуна койбой машинага салып шаарга алып кетти. Бирок доктурга көрсөтүп диагнозун текшертип көрүшсө да эч койо алышпады. Жаткырып дарыланып да көрдү, бир жылыш болбой арадан жарым жыл өтүп кетти. Таалайкан жашоодон үмүтүн үздү, акыры Канатбек келгенде үйүнө алып кет деп жалдырады:

- Мен эми болбой калдым, дабаасыз ооруга чалдыктым Канат, алып кет үйгө, эжемдерге ыраазымын, ушуларга келиндей болуп барганда жакшылап чай бермек турсун эшикке чыгып кетчү элем, мен каргышка калдым…

- Таалай, антип өзүңдү кыйнап кейий бербе да, ар бир оорунун дабасы болот, сенин ооруңа себеп табылып калаар, - деп Канатбек анын үмүтүн улай нымтырады.

Канчалык текшертсе да жылышы болбогондуктан аргасыз айылга алып келишти.

Адилеттин экзамени жакындап калган, таятасынын үйүнө баратып жолдон бир кыз менен сүзүшүп калды. Ал мындай болду, кыз айылдын көчөсүнөн келатып ар жакты карап келаткан. Адилет санаасы-санга бөлүнүп апасын ойлоп, жер карап келаткан эле. Бир кезде экөө сүзүшүп кетип катуу тийгендиктен эки жакка жыгылып түштү. Чоочуп кетип экөө тең бири-бирин карап отуруп калышты. Көптөн кийин кыз күлүп ийди эле, Адилет да күлүп калды.

- Кечирип кой, чоң кыз! - деди анан күбүнө туруп келип кызга колун суна, - Туруңуз! - деди.

- Сиз мени кечирип койуңузчу, башка жакты карап келатып көрбөй калдым. - Кыз Адилеттин колун кармай турду да, - сизге уят болдум ээ, калжаң кыз экен деп ойлодуңуз го? - деди жылмая.

- Эчтеке эмес чоң кыз, таанышып албайлыбы, менин атым Адилет, - деп Адилет жылмая колун сунду.

- Мен Айтурганмын!

- Оо, атыңыз укмуш экен, - деп Адилет тамашалай кызды карады. - Сулуу кыз экенсиз, ушул айылдансызбы?

- Жо-ок, таятамдыкына келгем.

- Кызык, мен дагы таятамдыкына келе жаткамын, таятаң ким?

- Эстебес.

- Эстебес?

- Ооба, эмне мынча таң калдыңыз? - деп кыз күлүмсүрөй караганда Адилет шашып калды.

- Таятаңыз каягында турат?

- Эмнеге такып калдыңыз, бул эле жерде, мен зериккенимден көчөгө чыккам, таенем үйдө жок экен, таежемди багып жаткан имиш, - деп кыз ойлуу сүйлөп, жатканда Адилет өзүнчө ойлонуп, анын сөзүн укпай тура берди.

- Сен Айшакандын кызысыңбы? - Адилет эми Айтурганды сен дегенге өттү.

- Сен апамды кайдан билесиң? - Айтурган дагы ага жини келе "сен" деди, - бешигин терметкенсип "Айшакандын" дейсиң да?

- Кечирип кой, Айтурган, - деп Адилет өзүнүн жаңылыштыгын сезе жер карады. - Сен мага бөлө болот турбайсыңбы?

- Эмне?

- Экөөбүз бөлө болот экенбиз.

- Кантип? - Айтурган дале түшүнбөй ага карап туруп калды.

- Таенем биздикинде…

- Аа-а, Таалайкан таежемдин баласы болосуңбу?

- Ооба.

- Оо-ой кызык, бөлөм менен кызыктуу тааныштым ээ, чын эле мурун көрүшкөн эмеспиз да, эмнеге биздикине барчу эмессиңер?

- Мен кайдан билем, апам таятамдыкына да келчү эмес, - деп Адилет ойлуу туруп калып анан. - А силер эмнеге келчү эмессиңер? - деп сурады.

Экөө ээрчише Эстебестин үйүнө келгенде таятасы аларды көрүп кубана Айтурганды карады.

- Айланайындарым десе, окшошкон арамдар, кайдан табышып алдыңар? - Адилет келип кол суна:

- Ассало-ому алейкум, таята! - деди эле ого бетер барбалаңдап жээндерин көрүп кубана үйгө ээрчитип кирди.

- Мен кимди таап келдим кызым, карачы мынабу баланы, - Эстебес кирип Айшаканга кубанычтуу сүйлөп жатты. - Бир туугандай болуп катышпайсыңар, карачы бул бөлөлөрдү, экөө табышып алыптыр!

- Ата, эмне деп жатасыз, бул Адилетпи?

- Анан эмне, өгүнү силер барганда үйдө жок болчу да.

- Ии-ий садага болойун десе, чоңойуп калган тура. - Айшакан Адилетти эки бетинен өөп, - апаң жакшы болуп калдыбы? - деди эле Адилеттин көзүнө жаш тегерене:

- Билбейм, апамдын жакшы боло албасын сиздер деле билесиздер го?! - деп муңкана ыйлап ийди.

- Кантет, сен чоң жигит болуп калбадыңбы, жигит ыйлабайт. Кайраттуу бол садагам, эми кантебиз, кудай жиберген оору экен, кулум десе бир күнү сакайып кетээр? - Айшакан да кейип алды.

Айтурган бөлөсүн кылгыра карап: "Бөлөм келишкен жигит тура, быйыл мектепти бүтөт деп уктум эле" деп ойлонуп ички бөлмөгө кирип кетти.

- Балдарым. Бир туугандар балдарын бири-бирине таанытып жүрбөсөңөр бөтөн адамдай чет болуп калышат, кыздын балдары жакын болбойт бекен, өзүңөр бир тууган болуп катышсаңар булар дагы бир туугандай болуп калышат, - деп Эстебес кейип калды.

- Мен таятамдыкына барам деп болбой ээрчип келдим, болбосо алып келбейт болчу, - деп Айтурган ички бөлмөдөн баш бага үн катты.

- Айла-анайын десе, ошентип келип тургулачы, Бермет экөөбүздүн эшигибизде неберелер ойноп турса бакыт эмеспи.

- Мен эми таежемдикине Адилет менен барып келем, макулбу апа? - деп Айтурган Айшаканга карады, - жибересизби?

- Ал жибербесе мен жиберем кызым, биздикине келгенден кийин айылчылап, эки жакты көрүп кет! - деп Эстебес жээнин эркелете карады.

- Тим эле обу жоктонуп кетесиң да, Адилет менен мен да барам. Эжемди көрүп келбесем болбойт, келгенге жараша, - деп Айшакан атасына карады. - Ушуларды катташтырып эле туралы дейбиз ата, көрбөйсүзбү шарт башкача, балдардын келечеги, эртеңкиси үчүн иштебесек болбойт, үйдө кечкисин эле болобуз, керээли кечке базардабыз, - деп наалый сүйлөдү.

- Мейли балам, жашооңор жакшы болсо эле болду. Таалайдын шору көп болду, аны канткенде гана айыктырабыз билбей калдым, андан көрө үйгө алып келип багат окшойбуз, апаң абдан кыйналды го?

- Анда ошентели, мен кетелекте алып келип алалы, мен Айтурганды силерге таштап кетейин, апама жардам берсин.

- Ооба-ооба, таята, калам! - Айтурган колун шакылдата чаап калды. - Бул жакка окуйм ээ?

- Ооба, биякта окуп бүтөсүң, - деп Айшакан айтканда кубанып кетти.

- Мен айылдан окуганды жакшы көрөм, шаардан тажап кеттим.

- Эмнеге, шаар жакшы эмеспи? - Баятан бери унчукпай отурган Адилет Айтурганды карады.

- А мен шаарды жаман көрөм! - Айтурган көздөрүн ойноктото өзүн караганда Адилет андан көзүн ала качты: "Сулуу экен, канчада окуйт болду экен, биерде окуса жолугуп турам да" деп эч нерседен капарсыз ойноктогон капкара көздөрүнөн жалтанып жер карап отуруп калды.

- Таята, мен кетишим керек, таенем жиберди эле, - деди анан Эстебести карап.

- Эмне дейт?

- Апама улактын шорпосун ичирем дейт го?

- Аа-а, аны эми биерге алып келебиз, үйдөн карабасак болбойт экен балам, таенең жок мен да кыйналып кеттим.

- Анда ошентип айтып барайын, - деп Адилет ордунан туруп кетмек болду, - Айтурган, барасыңбы?

- Сөзсүз барам! .

Ал дароо тура жөнөгөндө, Айшакан:

- Ой таенеңди алып келмек болуп атабыз го? - деди аны токтотмок болуп.

- Тим кой барса барып келсин, - деп Эстебес колун шилтеп "бара бер" дегендей болду. - Бөлөсү ага жолдо көп нерсени көрсөтүп барат. Тур бара бергиле жолдон калбай.

- Ырахмат, таята! - Айтурган Эстебести жүгүрүп келип бетинен өөп койуп кайра чуркап кетти.

- Сербеңдеген айбан десе… - Эстебес эки жээнин узата карап туруп: "Ананайындарым десе, учугубузду улантуучу жээн неберелер, уулумдун балдары бойго жетип калды, ушулардын башын кошуп, бири-бирине бөтөн кылбай тааныштырып турбаса болбойт го" деп ойлуу отуруп, анан машина издемек болуп жатканда эң улуусу, кырктан ашып калган уулу Жунус келип калды. Аны менен учурашкандан кийин:

- Ырас келдиң уулум, Таалайды үйгө алып келгенге машина издесемби деп турдум эле, - деди.

Алар кеңешип ошол эле күнү Канатбектин үйүнө кеч келишти. Канатбек кайнага-кайнатасын ызаат менен тосуп алды. Ал апасынан кийин таптакыр ичкиликти оозуна албай калган. Баса, турса апасы ооруп жатканда ыргыта түртүп: "Өлбөгөндө эми сага жашоонун эмне кызыгы бар, андан көрө тиги дүйнөгө барып ордуңду тапсаңчы" дегени көз алдынан кетпейт: "Мен акмакмын, кеч болсо да ичкиликти таштап апам менен атамдын арбагынан кечирим сурайын, Таалайкан ошон үчүн ооруп жатат, али кеч эместир, экөөлөп кечирим сурасак жакшы болуп кетээр" деп эч бир адам менен сүйлөшпөй жумушка барып, кайра келип, өзү менен өзү. Чынында Таалайканды жакшы көрчү, баары ошонун айынан болду, ал өзүнөн он жашка кичүү, аялынын көңүлүн алып ага жагынуунун амалы менен апасына тили да, колу да тийгенин кантип билбесин. Ойунда анын айтканы менен болуп, ойундагыдай багам деп жүрчү. Бирок тагдыр аларды өтө жазалады…

- Балам, - деди Эстебес бир чыныдан чай ичкенден кийин, - Таалайканды үйгө алып кетпесек болбойт, барып көрүп тураарсыңар.

- Мейли ата, менин деле айлам түгөндү, мен өзүм карайын десем жумуштан калам, иштебей койсом болбойт.

- Кой, иштебесең болмок беле, балаңдын да экзамени жүрүп жатат, ал да окуйм дейби?

- Кайдан окуйт, колдо болбосо… - деп Канатбек нымтырай жер карады.

- Окуусу жакшы болсо биз жардам беребиз, өзү кандай окуйт? - деп Жунус күйөө баласынын жанында отурган Адилетти карады.

- Тага, мени быйыл мектепке келген алтын медалды аласың деп жатышкан, кийин эле башкага бермек болуп калышыптыр… - деп Адилет кабак бүркөй жооп берип, ызалангандай болуп сүйлөгөндө Жунус:

- Эмне үчүн? - деди.

- Азыр мугалимдер да бар-жогуна карашат, мага бергенде бир сойуш бере албайм да…

- Эртең мен директоруңа жолугайынчы.

- Өзүңүз билиңиз.

- Андай болсо алтын медал меники болот деп ойлой бер жээним, эмгегиң ошончолук болсо текке кетирбеш керек!

- Ырахмат тага, эгер андай болсо аны менен бюджетке өтүп кетсе болот, окууга кете бермекмин! - деп Адилет таякесин кубана карады.

Таалайканды ошол күнү кечинде алып кетишти. Адилеттин ой санаасы Айтурганда болуп туруп алды. Ал сегизинчи класста окуйт.

Эртеси Жунус мектепке келип Адилеттин директоруна, класс жетекчисине кирип, журналдарынан чейректерин текшертип келип районго чейин, ал турсун облуска чейин барып текшертээрин айтканда алар шашкалактап калды, акыры Жунус директор менен жеке отуруп сүйлөштү да Адилеттин алтын медал алаарын аныктады. Акыры Адилеттин бир экзамени калганда директорунун үйүнө кеч күүгүмдө килейген бир кой менен беш миң сом жеткирип койду.

Адилеттин кубанычында чек жок, тагасына чексиз ыраазы болуп окууга кетчү кагаздарын дайындап жатты. Канатбек жолго акча дайындап, кийим-кечесин жаңыртып берди. Өзүнүн карындаштары, эжелери да шаарда, ал аларга дайындамак болуп чогуу бармак болду.

Айтурган Адилеттин шаарга кетээрин билгенде тынчы кетип аны күтүп жатты. Адилет дагы аны көрбөсө тура албай калган эле. Ошол күнү апасына, таене-таятасына коштошмок болуп, бир жагы Айтурганга жолугуу үчүн барды. Таалайкан бул кезде булдуруктап сүйлөй албай да калган. Уулун көрүп, көз кычыктарынан жаш куйулуп, ал жанына келип отурганда башынан сылап, бирдемелерди айтып жатты… Адилет дагы ыйлап отурду.

Көптөн кийин Айтурган экөө суу жээктеп басып жүрдү.

- Адилет, мага кат жазып турасыңбы? - Айтурган жигитти кылгыра карап суроосуна жооп күтүп калды.

- Жазып турам, а өзүң жооп жазасыңбы? Мен сөзсүз жазам, - деп Адилет ойлуу аны көздөрүнө тигиле бир азга карап туруп анан, - Айтурган… Мен сага бир сөз айтайын дедим эле… - деди.

- Оо-ой, чын элеби? - деп Айтурган көздөрүн жайната ага жадырай карады, - кана айта турган сөзүңдү айтчы?!

- Айтурган… Айтурган мен… мен сени…

- Бол эми, эмнени айтат элең?

Ого бетер ойноок көздөрү ага жалжылдай санаасы жок балалык ойу менен аны демитти.

- Мен сени сүйөм!

- Эмне дейсиң?!

- Эмнени уктуң, мен сени сүйөм дедим!

- Кызыксың го, Адилет… - Айтурган заматта өңү өзгөрө эмелеги шаттана жадырап турган жүзү томсоро түштү. - Мындай сөздү сенден күтпөгөм…

- Айтурган, мени кечирип кой, биз бөлөбүз да, боло берет! - Адилет эмне кылаарын билбей алдастай түштү, жылмайууга аракеттенди.

- Бирок… - Айтурган да өзүнүн Адилетти жакшы көрөөрүн сезип ушул мүнөттөрдө кызыктай абалга туш болду: "Эмне экен, мен да жакшы көрөм, Адилетти капа кылгым келбейт, апамдар каршы болушу мүмкүн, бирок өзүм сүйөөрүмдү айтам" деп ойлонуп туруп калды.

- Айтурган, мен сени жүрөгүм менен сүйөм, сенсиз жашай албайм, окууга өтүп алсам ар дайым апамды, сени көрүш үчүн келип турам, макулбу?

- Адилет, сен качан жөнөйсүң? - деди Айтурган көптөн кийин.

- Бир жумадан кийин атам экөөбүз жөнөйбүз.

- Анда бүрсүгүнү кел. Анан экөөбүз ушул жерден жолугалычы, ээ?

- Макул Айтурган, мен сен айткандын баарына макулмун, бир суранарым, сен мени күт, башканы сүйүп кетпе, сенсиз менин жарык күнүм да караңгы түнгө айланаарын түшүнчү?!

- Эмки жолукканда жооп берем, ойлонойун…

- Мен баарына макулмун!.

Андан кийин экөө жетелешип алып жай сүйлөшүп үйдү көздөй келатканда Айшакан аларды көрүп: "Бул экөө соо эмес, эмнеге жетелешип алган? Адилет жакында окууга кетет, жөн эле коштошуп жаткандыр, бала эмеспи" деп ойлогон менен ичинен кыжаалат ойго кабылды: "Ишенич жок, азыр экөө тең токтоло элек кези, булар алыстагандан кийин эч качан жакындатпай, жолуктурбай койсо бири-бирин унутуп калат" деп жатты кайра..

Эч нерседен капарсыз экөө күлүп, жайнап кирип келгенде Таалайкан аларга башын эптеп көтөргөн болду, жээни менен уулун көрүп жылмайган болду, жүрөгү кубанган менен айта албай жатты:

- Апа, мен үйгө кеттим, - деди Адилет апасынын колун кармап, - кетээрде келип кетем макулбу?

- Ийи, - деп ал башын ийкеди, башка сөз айта албады.

Эки көзү эки жаштан өтүп, жүрөгү бир нерсени сезип турса да сүйлөй албай жатты. Бул кезде кыймылдабай бир калыпта жатканга жамбаштары ойулуп кеткен. Бермет аны көтөрүп тосуп, жуунтуп кайра киймин которуп жанынан чыкпай карап жатып абдан кыйналды. Молдо кожого, көзү ачыктарга көрсөтүп, жыйынтык чыкпаган соң тим болушкан.

Акыры бирөөлөрдөн: "Баарын билет экен, өлө турганын ачык эле айтып койот экен" деп бир табыпты угуп аны алдырып көрсөтүштү эле ал адегенде көргөндөн баш тартты, бирок Бермет менен Эстебестин суранычын кайтара албай:

- Кызыңыз өз тилинен тапкан экен, кайненеси нааразы болуп кетиптир, өлөөрдө кечирим сурабаптыр, ал абдан күткөн экен, эми менин колумдан эч нерсе келбейт! - деди.

- Кызымды каргап койгон бекен?

- Жо-ок, каргаган эмес, нааразы болуп кетиптир, назары сынган, өлүм алдында кечирим сураса ыраазылыгын бермек, бул сураган эмес, эми кудай деп карай бериңиздер! - деп туруп кетти. Бермет унчуга албай зыңгырап туруп калды: "Тилиңден тап деген ушу да, тилиңди тартып кыялыңды оңдо деп канча айттым" деп ойлонуп көз жашын сыдырып алды. Ата-энеге бала канчалык кымбат экенин кимдер билбейт чиркин, ушул кызынын оорусун колунан келсе чымчып эле алып таштагысы келет. Бирок анте алышпай оорулуу кызы менен кошо кыйналып жатышты.

Ошол күнү Таалайкан укмуштуудай түш көрдү. Түшүндө ээн талаада какыраган чөлдө жүрүптүр, суусап суу издеп таппай жүрөт, тили оозуна батпай тамагы кургап көзүнөн суу учат. Бир кезде жылжыган суу көрүнүп жетип ууртамак болгондо кайдан жайдан бир адам көрүнө калып: "Ээ кызым, бул суу сен үчүн эмес. Сенин ичээр сууң түгөнгөн, бул суу таза жашап, ата-энени сыйлап өткөндөр үчүн, сен ага татыктуу эмессиң!" деп айтаары менен көздөн кайым болду, эмеле көргөн суунун дайыны жок. Эки жагын элеңдей карап, ары көздөй басканда кайненесинин элеси көрүнүп "Балам өз тилиңден таптың, эми сен да келесиң, атаң экөөбүзгө бияктан кызмат кыласың" деди эле, Таалайкан чоочуп ойгонуп кетти. Көзүн ачып колун тарта койсо кыймылдап кетти. Жүрөгү кубанычтан жарылып кете жаздап экинчи колун өйдө кылды, анысы да кыймылдаганга үмүтү жана эмеле көргөн түшү эсинен чыга "Апа" деп жиберди.

- Таалай, апа дедиңби кызым? - Бермет башын көтөрө аны карады.

Жанында жатчу ал.

- Ооба, - деп Таалайкан колун апасына тийгизди эле ал кубанганынан тура калып жарыкты күйгүздү.

- Колуң өйдө болуп калганбы, кызым?

- Ооба, - деп кызы башын ийкей кубана күлүп колун ары-бери булгады.

- Оо кудай, ак сары башыл айланайын, кудай берсе жакшы болуп кетесиң, садага, - деп төшөгүн ачып буттарын кармалады. - Бутуңду кыймылдатып көрчү. - Бутунун баштары да кыймылдады, бирок тартса көтөрүлбөдү. - Мейли, бир күндө эле баары түзөлүп кетмек беле, бир жарым жылдан бери жатсаң тарамыштарың катып калды го? - деп эне күйпөлөктөп жатканда Таалайкан:

- Суу, суу - деди, ал анча сүйлөй албай жатты.

- Азыр кызым, суу алып келип берем.

Алып келген суудан аябай жутту Таалайкан. Анан улам колдорун кармалап сүйүнүп жатты. Эки күн мурун Айшакан үйүнө кеткен. Эрте туруп Эстебести малга жиберди, күн чыга электе улак алып келип түлөө кылышты. Ошол күнү Таалайкан негедир отуруп эл менен учурашып жатты.

- Ии-ий айланайын, жакшы болот деген ушу, кудай кулум десе дарттын дабаасын өзү табат, - деди коңшу аял.

- Анан эмне, кудайдын кереметин түшүнүп болбойт, кеселди өзү берип дабаасын да өзү табат, - дешип, чакырылгандар шыпшына баталарын берип отурушту.

Эки-үч күн Таалайкан кадимкисиндей сергилең тартып, ата-энеси менен сүйлөшүп отурду. Анан апасынан кагаз-калем сурады. Эч нерсеге түшүнбөй Бермет алып келип берди. Унчукпай баш жагына койуп койду. Таалайкан өзүнүн бул дүнүйөдөн өтөөрүн сезип турду, ошондуктан дүнүйөдөн көчөөрүн билип туруп, өзүн токтоо кармап даярданып жаткансыды: "Бул менин тагдырым, пешенеме жазылганды көрдүм, жалгызымдын келечеги жакшы болушун тилейин" деп оор күрсүнүп алды. Ошол күнү аны сыртка чыгарып сөрүүгө отургузуп койгон Бермет:

- Кызым, почтодон пенсия берип жатыптыр, мен барып келе калайын, - деди.

- Мейли…

Таалайкан анча-мынча гана сүйлөчү, башын гана ийкеп тим болду. Бермет кеткенден кийин акырын кагазын колуна алып болгон акыркы сөзүн жазганга киришти…

Дал ошол түнү Таалайкан оо дүйнө салды, анын үзүлгөнүн ата-энеси да билбеди, эртең менен ордунан турган Бермет чайын даярдап койуп, анан кызынын жанына келип, ары карап жаткан Таалайканды ойготмок болду:

- Туруп отурчу кызым, суу алып келип бети-колуңду жуудурайын, - деп түртүп бери каратмак болду эле кыймылдаган жок. - Тур ай кызым, эрте туруп тилек кылсаң боло, айыгарыңа жакшы, - деп төшөктү ачып акырын бери тартты эле, денеси зыңкыйып катып калгандай. Жүрөгү шуу деп алып башын бери каратып бакырып ийди, көздөрү ачылган бойдон калган эле. - Кокуй атасы, Таалайдан ажырап калыптырбыз!

- Эмне дейт, акырын жакшылап карачы?

Эстебес келип оодара салып анын эбак эле үзүлгөнүн билип токтоолук менен аны түздөп жаткырды да, сыртка чыгып өкүрүп кайра кирди, анын элге кабар бергени эле. Өкүрүктү угуп коңшу-колоңу тез эле жетип келишти:

- Кагылайын ай, "жакшы болуп баратат" деп көңүлүм тынып калбады беле. Оолдо кудай ай! - деп Бермет боздоп жатты.

- Кой Бермет, жакшы эле бактың, арманың жок көрсөттүң, бечара өлөөрүндө бойун түзөп силердин көңүлүңөрдү көтөргөн тура.

- Тобо десең, бечара тим эле өңдөнүп жакшына болуп калды эле, тиги дүйнөсүн берсин!

- Көрөөр күнү бүтүп, ичээр суусу түгөнсө кете берет турбайбы адам, кой андан көрө өлүк камын көрөлү, - дешип жалпы каралашып, Эстебес уул-кыздарына, Адилетке киши жөнөтүп жатты.

Канатбекти жумуштан алып келишти. Кабыргасы кайыша катуу өкүрүп келди ал, көпкө чейин басылбай үйгө кирип бетин ачып жүзүнөн сылады:

- Кечир мени, акыркы сөзүңдү укпадым. Жаныңда болуп өз колум менен узатпадым, - деп ыйлап жатканда аны аялдар алып чыгып кетишти.

Кеч күүгүмдө Адилетти алып Мариялар, өзүнүн эже-сиңдилери бүт келишти. Ошентип аны акыркы жайына койуп ызат-сыйын кылып өз туурларына кайтышты. Адилет ыйлап жатып окуусунун башталып калганынан тез эле кайтты, болгону үч күн турду, артында калган жалгыз уул катары атасы, тага-тайлары менен үч күн мүрзөнүн башына барып, милдет парзынан кутулуп, анан окуусуна жөнөдү. Бул жолу ал Айтурганга жакшылап жолуга албады.

Айшакан апасына каралашып калып калды, бир күнү ээндей түшкөндө Бермет:

- Отурчу мындай, - деди, Айшакан жанына отураары менен колуна кагазды берди, - Окучу…

Айшакан унчукпай катты окуп жатып көзүнүн жашы катка тамып жатты, катта мындай деп жазылган эле… "Урматтуум атакем, апакем, силерге абдан ыраазымын, мендей тентек өскөн акылсыз кызыңарды кечиргиле. Тагдырым ушул беле, кыялымдын жамандыгы, акылымдын кыскалыгы мени ушуга алып келди. Ошого аргасыз көндүм, көнбөскө аргам барбы? Апаке, мен силерге ыраазымын! Өткөндө кайненем түшүмө кирип тигил жакка барып бизге кызмат кыласың деп мага айткан, мен силерден бөлүнүп бүгүн-эртең кетээримди билип эле турам. Айтууга оозум барбады. Өзүм таптымбы же пешенеме жазылганы ушудур… Эми менин сөзүмө кулак салгыла апа, Адилетиме көз салгыла, менин байкашымча Адилет Айтурганды жакшы көрөт окшойт, кокус экөө бири-бирин жактырып калса жок дебегиле, уулумду томсортпой силер бала кылып алгыла, менин акыркы өтүнүчүм Адилет менен Айтурган сүйлөшүп калса тоскоол болбогула, мени, менин арбагымды сыйласаңар уулумду сыйлап өз бала кылып алгыла! Кош атаке-апаке, бир боорлорум, жарыктыктын ушундай кооз, кымбат экенин ооруп жаткандан кийин гана сездим, миң кайталап айткан менен ого бетер тирүүлүктү кыялбай кыйналып турам. Өкүнгөн менен колдон келээр арга жок! Кошкула алтындарым, менден кеткен болсо кечиргиле! Таалайы тайкы кызыңар Таалайкан" 2001-жыл. 30-июль".

Айшакан катты окуп бүтүп көзүнүн жашын аарчып Берметти карады, ал да ыйлап отурган. Экөө үн-сөзсүз ыйлап отурганда Эстебес кирип унчукпай бир топко отурду да:

- Болду, ыйлагандан эч нерсе таппайбыз. Көрөөр күнү, жашоосу кыска экен, колдон келишинче аракет кылдык, болгон жок, - деди.

- Айла канча… -Бермет үшкүрүп койду.

- Ата, катты бекитип койгула, мен да сездим эле, кокус Адилет менен Айтурган бири-бирин жактырса айла жок, эжемдин керээзин аткарууга аргасызмын! - деди Айшакан акырын гана.

- Ошент балам, Адилет жаман бала болбойт, мына университетке өз күчү менен кирди.

- Ооба, кагылайын Адилетим жакшы киши болот, - деп Бермет кошумчалап койуп Айшаканга карай эңкейе шыбырап койду. - Мен дагы байкагамын, экөөнүн көз караштары башкача, секет кетейиндерим десе. Байкушум ооруп, зорго жатып, ошону байкап калганын…

- Мейли эми апа. Убагы келгенде билээрбиз, болбой эле бири-бирин жактырып баратса каршы болмок белек, арбак үчүн да макулдук бербеске аргабыз жок да, - деп Айшакан сыртка карай басты.

Ата-эне унчукпай кала берди, үнсүз гана бейпайды жаш өтүп кеткен кызына ичтен күйүп отурушту.

Канатбек күн алыс, андан кийин жумасына келип турду. Кыркын бергенден кийин өзүнчө ойлонду да кайната, кайненесинен уруксат сурамак болду. Анын тапкан эч кимиси деле жок, бирок ойлонду, үйлөнмөккө аракет кылды. Эстебес өзү да айтты ага:

- Балам, сага да ыраазыбыз, Таалайкандын арбагы да ыраазы. Айла канча, колубуздан келбеди, эми сен дагы үйлөнүп өз жашооңду өткөр, - деди.

- Биз сага андай-мындай деп айталбайбыз, Адилетти каттатып турсаң болду балам, сенин да өз жашооң бар, - деди Бермет көзүн жаштап.

Ошентип уруксаатын алып ыраазылыгын билгенден кийин гана Канатбек кыз-келиндерге көз салып ылайыктуусун караштырып көрдү. Ини-карындаштары, эжелери келип аны үйлөнтүштү. Мээркан бир күйөөдөн чыккан эки балалуу келин эле. Адегенде жакшы эле жүрдү, бирок эки-үч айдан кийин анын тили чыгып Канатбек жумуштан кечигип калса эле:

- Эмнеге кечиктиң, катыныңды унуталбай ар жерде жүрдүңбү, балким дагы бирөө менен бойдок кезиңде жүргөндүрсүң?

- Мээркан, ушундай сөздөрдүн кереги жок го, жумуштан кечигип калдым.

- Ишенбейм, мурда жүргөн ойношуңа барып жүрөсүңбү, ким билет? - деп Мээркан алкылдап койо берди. - Эгер бир сөз уксам таарынба!

- Эмне кыласың? - Канатбек аны күлүп карады.

- Шылдың кылгың бар го, колумдан баары келет, башка бирөө менен жүргөнүңдү уксам сени соо койбойм!

- Өлтүрөсүңбү?

- Эмне кылышты өзүм билем, сени асып койуп кетем!

- Ушунчалык кызганчааксыңбы же жөн эле көк беттигиңби? - деп Канатбек ага ачуусу келе карады.

- Көк беттигимди көрө элексиң!

- Көргүм да келбейт!

- Сен керээлден кечке талаада жүрөсүң, а мен ун жок, же кант, чай жок, кезээрип отурам сени күтүп акыйып.

- Эмне кылайын, биргадир берсе эле алып келип берем, күтө тур эми.

- Канчага чейин күтөм, балдарымды ачкадан өлтүрүп алайынбы? - деп Мээркан айта албай жатканын эми айтты. - Балдарыңды өз баламдай көрөм дегенсиң, эми билмексен болосуң, - деп бышактап калды.

- Балдарга бирдеме деп жаткан жокмун го?

- Ооба сага! - деп ашканасына кирди да чай алып келди.

Күз келип балдар окуй турган болуп калган. Мээркандын улуу баласы окумак, ошого кийим-кече алганга атайын амалданып коркутуп жатканы эле. Канатбек баарын түшүндү: "Аялдын алтымыш амалы бар дечү эле, бул мага амал колдоно баштады, балалуу аял албай койсом болмок экен. Адилетке да акча салышым керек эле, ал эмне болуп жатты экен" деп чай ичкенден кийин чалкасынан түшүп ойлонуп жатып алды. Ошондон үч-төрт күндөн кийин ал акчасын алып он миңдин беш миңин Мээрканга берди да:

- Беш миң сом жетет, беш миңди Адилетке салып жиберейин, - деди.

- Анчаны эмне кылат экен, контракт төкпөсө акчанын эмне кереги бар, эки миң берсең болот да? - Мээркан күйөөсүнө көздөрүн чакырайта карады.

- Кызыксың, шаарда жүргөн балага керек да, сүйлөшүп койдум, эртең менен Үрүстөм кетет экен. Ошондон берип иймек болдум.

- "Балам, балам" деп тапканыңды ага бере берсең биз оокат кылабызбы же?

- Беш миң жетпейби сага?

- Эмнеге жетет, кийим-кече аламбы же ун аламбы?

- Кандай кылсаң ошондой кыл, дагы алганча жеткир! - Канатбек сыртка чыгып баратканда ачуу чаңырыктан чоочуп артына кайрылса, Мээркан жөн эле турган жеринде кыйкырып жатыптыр. - Эмне болуп кетти?

- Атаңдын башы, сенин балаң бала да, менин балам бала эмес бекен?

- Ой деги кандай немесиң, сенин балаңа бирдеме деп жатамбы?

- Сен менин баламды бала катары көрбөй жатасың, болбосо минтпейт элең.

- Ал сенин балаң, а менин балам Адилет, уктуңбу эми?! - деп Канатбек ага эмне кылсаң ошо кыл дегендей ушинтип эшикке чыгып кетти.

- Эмне-е, сен ушуну кылмаксың!

- Мен эмес өзүң кылып жатасың!

- Мен кетем! - деп Мээркан балдарын жетелей үйдөн чыга жөнөдү. - Шүмшүктөр тирүүлөй жетимдер, силер үчүн көрбөгөндү көрмөк болдум, эч жерге батпай көргө эле барасыңар го?.

Ал кетип жатканда Канатбек:

- Акчаны таштап кет! - деди жиндене.

- Эмнеге таштайм, бергениң өтүп кетсе да? - деп Мээркан артын карабай кетип баратты.

Канатбек аны оор күрсүнө узата карап туруп: "Сендей аялдан көрө жалгыз жашаганым жакшы" деп жүрөгү ооруй томсоргон үйүнө кирди да эч нерсе ичпей жатып алды: "Мага адамча жашоону буйурбаган экен да. Кой, шаарга кетейин, уулума иштеген акчамды берип көрүп турсам ошол жетишээр, өмүрдөн жалгыз өтсөм да уулумдун бактылуу болушун тилейин" деген ойго келди да, Канатбек эртеси үй жайын, короосун бекитип койуп шаарга жөнөп кетти.

Адилет кышында сессиядан кийин таятасыныкына жөнөдү. Ал келгенде Айтурган таене-таятасынын кашында тамак берип отурган эле, күүгүм талаш кирип келген небересин алар баса калышып өөп жыттап, ыйлап-сыктап жатты:

- Кагылайын, жакшы окуп жатасыңбы?

- Жакшы. Окуумду окуп жатам, бир аз таттуу, жер-жемиш алып келдим. Апама куран окуп койуңуз, таята, - деди анан Адилет.

- Садагаң болойун десе, тим эле койбойт белең, окуп атсаң акчадан тартыш болуп каласың, - деп Бермет кейип-кепчий пакеттеги даамдарды дасторконго жайды.

- Мындан ары жөн эле келип тур, - деди Эстебес Таалайкандын арбагына куран багыштап окугандан кийин.

Айтурган Адилеттин алдына эттүү тамак куйуп келди. Экөөнүн көз караштары бириге калганда жер карап кетишет. Кемпир-чал байкаса да байкамаксан болуп жатышты. Жатаар мезгил келип Адилетке төркү бөлмөгө орун салып берип, кемпир-чалды өз ордуна жаткыргандан кийин алар уктаганда Адилет эшикке чыгып баратып тамагын кыра жөтөлүмүш болуп койду. Кулак түрүп уктабай жаткан Айтурган акырын туруп чыгып анын жанына жетти.

- Кандай Айтурган, окууларың жакшыбы? - деп Адилет аны колунан кармай калды. - Билесиңби, биерге сен үчүн келдим!

- Чынбы? - Айтурган үнүн акырын чыгара күлгөн болду. - Өзүң кандайсың, жакшы окуп стипендия алып жатасыңбы?

- Жакшы, баары жакшы. Бир гана сенин жанымда жогуң өкүнүчтүү, - деп Адилет караңгыда кызды эңкейе көздөрүнө тигиле, - менин жообумду бере элексиң го? - деди.

- Кандай жооп? - деп Айтурган билип турса да кыз кылыгына сала сурап койду.

- Мен сени сүйөм Айтурган, сенчи, сен мени сүйөсүңбү?

- Адилет, таятамдар ойгонуп калса угуп калат, - деп Кыз кетенчиктеп ары жылмак болгондо аны Адилет токтотуп калды:

- Эгер сүйбөйм десең түндөп кетем да, эч качан бул жакка келбейм! - деп Адилет таарынгандай үн катты. - Чыныңды айт, сүйөсүңбү же…

- Адилет, сен мага таарынбачы, мен али мектепте окуйм…

- Сен анда башканы сүйөсүң, чынбы? Анда мага бул жакка келип кереги жок экен да, окуп жаткан китебимде сенин элесиң, жазып жатканымда да сенсиң, менин ар бир дем алган абамда сенсиң, билсең! - деп Адилет башын жерге салып отуруп калды.

- Жок-жок, Адилет, мен эч качан эч кимди сүйгөн эмесмин, сүйгөндү ойлой элекмин, сенден башка эч ким мага сүйөм деп айта элек! - деп Айтурган шашып кетти. - Таарынбачы мага, мен сенден башканы сүйбөйм дагы! - дегенде Адилет аны карысынан кармай калды.

- Чынбы Айтурган, сен мени сүйөсүңбү? - Ошол убакта сыртка чыга калган Бермет экөөнүн сөзүн тыңшай туруп калды. -Сен да мени сүйөсүңбү?

- Ооба, мен дагы сени сүйөм, сени гана, уктуңбу, сени гана! - деп Айтурган анын кучагына бой урду.

Наристе сүйүү, балалык улуу махабатын кайра тарткыс, кайталангыс, кайрып алгыс жолуна жетеленип бир топко тура беришти. Бермет алардын кучакташып турганын караңгыда көрө алган жок, болгону сөздөрүн угуп унчукпай тура берди: "Кудай уу-ур, ырас эле экөө бири-бирин жакшы көрөт тура, бечара кызым көз караштарынан сезген го?" - деп ойлонуп жатты.

- Сен окууңду бүтөөрүң менен шаарга окууга барасың, ээ?

- Сөзсүз барам.

- Мен анда үчүнчү курс болуп калам, сен окууга өтсөң экөөбүз бирге болобуз, тез-тез эле жолугуп турабыз ээ?

- Ооба, мен дагы ошону ойлонуп жатам, - деп кыз уяң жер карады. - Качан кетесиң?

- Эки-үч күн турам, бизге он беш күн гана берди, кайра эле окуйбуз. Айтурган эгер сен макул болсоң мен үчүнчү курс болуп калганда үйлөнүп алабыз, сырттан окуу бөлүмүнө которулуп алам, кандай дейсиң? - деп Адилет кызды аста жүзүнөн сүйгөндө ал бетин басып калды:

- Адилет…

- Эмне болду, Айтурган? Сени айылдык бирөө алакачып кетеби деп корком…

- Койчу Адилет, мен ала качса эле отуруп калмак белем?

- Элдерди билесиң го, отургузуп койушат!

- Жо-ок, мен ага жол бербейм! - дегенде сөздөрүнүн аягына чыгарбай Бермет тамагын кыра жөтөлүмүш болуп чыкты да ажаткананы көздөй басты. Адилет менен Айтурган сөрүнүн жанындагы дарактын далдоосуна бекинип калды, алар таенеси эбак эле билип калганын билген жок.

- Айтурган, таенем келгиче экөөбүз кирип жатып калалы, макулбу? - деди кызды колунан кармай.

- Көрүп калбады бекен? - деп кыз уяла анын жетегинде үйдү көздөй жөнөдү.

- Көрсө айтабыз, биз үйлөнөбүз деп ачык эле айтам, бири-бирибизди жакшы көрөөрүбүздү.

- Андай болбойт, таятам экөө анда жаман ойлоп калышсачы?

- Сүйүшкөндүн күнөөсү кайсы, экөөбүздүн бири-бирибизди сүйгөнүбүз жалганбы, же сен мени чын көңүлүң, жүрөгүң менен сүйбөйсүңбү?

- Чүш-шш, таятам ойгонот! - деп Айтурган дароо өзү жаткан бөлмөгө өтүп кетти.

Башын кашылаган Адилет жылмайып алып ордуна кирди. Айтурган жүрөгү алып учуп, дабышты тыңшап эмелеги Адилеттин оозу тийген жери ысып-күйүп, ошол жерин сыйпалап уялгандай төшөктү чүмкөнө калды. Адилет аны карап тургандай акырын бетин ачып эшикти карап, кайра бетин жаап алып кыялданып жатты.

Адилет үч күн туруп кетмек болгондо Эстебес ага бир козу сойуп берди. Май сүзмө, курут салып таксиге дайындап жөнөтүп калышты. Айтурган таята-таенесине байкатпай сөөмөйүнүн башын өөп аны карай суна кол булгалап кала берди. Экөөнүн тең көздөрү кубанычка толо күлмүңдөп, жүрөк толкуткан сүйүүнүн алгачкы сезимдерине делөөрүй эки жакта ойлонуп жатышты.

Канатбек жездеси Турардын жардамы менен жумушка кирип, үй куруп иштеп, дурус таап калды. Адилетти кыйналып калбасын деген ойдо тапканын ага сарптап кийим-кечесине, баскан-турганына деп берип өзү менен чогуу батирге алып алды. Экөө кечинде гана биригип, чакан идишке тамак жасап ичип жатып алышат.

Канатбек үйлөнөйүн деген ойу жок, баарынан көңүлү калгандай жүрө берди. Мария аны үйүнө чакырып алып:

- Атамдардын баскан-турган жери ээн калды, сен үйлөнүп айылда турсаң болот эле, Адилеттин окуусу бүткөнчө биз деле карап турабыз, - деди кейий. "Уул балабыз болсо журтубуз ээн калбайт эле" деп кейип жүрүп, Азимбек экөөңөр көрүнгөндө кандай кубанганы али эсимде. Азимбек андан бетер ойлобойт, аялы экөө айылды ойлоор түрү жок.

- Эми эмне кылайын, үйлөнгүм да келбей калды, чыкса балалуу аял чыгат экен, "сенин балаң, менин балам" деп чырлашып жашаганча тынч жашаганым туура го? - Канатбек жер карады.

- Баары эле ошондой боло бермек беле, бири болбосо бири түзүк чыгаар, эмеле келин ала турган күн келет, үйдө үңкүйүп сен жалгыз тосмок белең?

- Силер барсыңар да эже, мен апамдын каарына калдым, аял алсам эле ошондой болот. Жүрөгүмдү оорутуп кыйналгыча жалгыз өтсөм кайылмын, - Канатбек дале жер караган бойдон үн катты. - Баламдын чайын ичип, балдарын көрсөм жетет.

- Кой Канат, андай дебе, бул бойдон өтөм деп кыйналып каласың, биз ылайыктуусун карап көрөлү, - деп Турар кайнисин далыга таптай сүйлөдү. - Өмүр бойу жалгыз өтө албайсың.

- Мейли жезде, дагы бир көрөйүн, эгер дагы болбосо так өтөм! - - деп Канатбек сөз бүттү дегендей ордунан турду. - Адилет келгиче барып калайын.

- Келсе биерге келет, бүгүн биерде эле болгула, тамак ичип жатып аласыңар.

Канатбек үндөгөн жок, тек макул же жок дебей сыртка чыгып бир топтон кийин кайра кирди.

Турардын карындашынын күйөөсү өлгөн кайынсиңдиси бар эле, аны өздөрүнчө Канатбекке ылайыктап жатышкан. Эртеси кечинде Турар аны жумуштан бери болбой алып келе берди. Элмира бир көзүн ак баскан, бетинде болоор болбос сепкилдери бар кара тору келин. Өлгөн күйөөсүнөн бир баласы бар, ата-энеси өлгөндө Элмира биринчи класска жаңы кирген кыз болчу. Эжелери менен эптеп чоңойуп күйөөгө чыгып жашап жатканда авариядан күйөөсү өлүп калган. Баласы менен агасынын үйүндө жүргөндө Турар күйөө баласына түшүндүрүп айтып аны көндүргөн эле. Мария аны өзү ээрчитип келди, Канатбек келгиче ага түшүндүрүп баарын айтып берип отурду. Эшик чыр эткенде Мария эшикти өзү ачты, Турар менен Канатбек кирди. Турар: "Келдиби" дегендей андан сураган болуп кашын кага өйдө көтөрүп койгондо Мария баары жайында дегендей көздөрүн ымдай башын ийкеп койду. Ошондо Турар жумушу бардай кайра артына кайрылып чыгып кетти. Мария болсо чайын куйуп, дасторкон жайып күйпөлөктөп жатты. Үйгө кирип эле төрдө отурган Элмираны көргөн Канатбек ирээнжип алды: "Муну алгыча катыны жок эле жүрбөйүнбү, жездемдин мени шылдыңдаганыбы?" деп ойлоп башка бөлмөгө өтүп кетти. Бир ойу: "Сага аял тандаганды ким койуптур, өз алыңды билбей чангандан көрө жашай берсеңчи" деди. Акырын ашканага кирип, камыр жайып жаткан Мариянын жанына келди да:

- Ушуну тим койсоңор болмок, - деп шыбырап койду.

- Эмнеге? - Мария инисинин Элмираны жактырбай турганын байкап, ага жылмая акырын минтти: - Ошондой болгону менен абдан жакшы неме, кичи пейил, адамгерчиликтүү.

Инисине шыбырай "кирип отур" дегендей ишаарат кылды. Канатбек унчукпай: "Эмне болмок эле, сүйлөшүп койойун, дароо эле алам деп айтмак белем" деген ойдо Элмира отурган бөлмөгө кирип баш ийкей саламдашып:

- Саламатсызбы? - деди.

- Жакшысызбы? - деп Элмира аны жал-жал карай кымырынып койду.

- Мен Мариянын иниси болом, атым Канатбек, сиздин атыңыз… - деди жылмая.

- Элмира.

Ал дагы жылмайган болду.

- Жакшы анда, бир балаңыз бар экенин уктум, турмушка чыгайын деген ойуңуз барбы?

- Аа-а билбейм, ойлонуп көрөм го? - деп Элмира жер карап жооп берди.

Мария тамагын алып келип ортого койду да:

- Бизди коңшулар чакырыптыр, силер сүйлөшүп отура тургула, бат эле келебиз, - деп чыгып кетти.

Экөө унчукпай көпкө отуруп, анан Канатбек ага карай.

- Тамакка караңыз, - деди.

- Рахмат, - деди Элмира алдына койгон этти алып үзүп ооз тийип.

Элмира тамактан алаар-алмаксан болуп атты.

"Тийгиче созулуп утарсыңар, тийгенден кийин өнөрүңөр чыга келет" деп алдындагы тамактан алып отуруп ойлонуп жатты Канатбек. Улам аны карап койуп: "Ушунча да ырайсыз аял болобу? Эжем дагы кызык, же бойдок жүргүчө өңү серт болсо да эптеп катыны бар деген аты болсун, үйгө караан болсун дегени го" деп ойлонуп тагдырына наалат айтып жатты ичинен. Канатбек өзү узун бойлуу келбеттүү жигит, канчалаган кыздар айланчыктап жанында жүрсө да бирин сүйгөн эмес, сүйүү деген эмне экенин деле билген жок. Таалайкан дагы узун бойлуу сулуу кыз болчу. Аны сүйбөсө да жактырып алган эле. Эми маңдайында отурган көрүнүшү куник жаш келинди өзүнө тең кылбай отурду. Элмира тартынып тамакты жакшы албай бир аз жеп тим болду.

- Алыңыз тамактан, - деп Канатбек аны караганда Элмира жер карай бош унчукту:

- Алдым, рахмат.

- Рахмат айтканды жакшы билет экенсиз.

- Эмне, болбойбу?

- Деги да, өтө кичипейил окшойсуз?

- "Жакшы өзүн жакшымын деп мактанбайт, жаман өзүн жакшымын деп бүтө албайт" деген.

- Оо, акылмандык да жайыңыз бар экен.

- Апенди да өзүн акылдуумун деп сезген.

- Мынчалык сөзгө чеберсиз?

- Чечен эмесмин, жооп берип жатам.

- Оо… - Канатбек анын сүйлөй билгенине таң калып унчукпай күлүмсүрөй отуруп калды.

- Жүрөгүңүздө сыр бардай, эчен кабат, кабагыңыз карыша түштү мени карап, жактыралбай турган болсоңуз эгер, ачык айта койсоңуз кетемин бат!

Элмира ушул учурда аны тике карай жооп күтө туруп калганда Канатбек эмне дээрин билбей сөзгө кармала күлүп карап калды: "Ой укмуш, мунун сөзү укмуш го. Акылы тунук жан беле. Чанам деп өзүмө кесир таап аламбы, кана сөзүнө эмне деп жооп берсем экен?" деп ойлонуп калганда Мария кирип келип абалдан чыга түштү.

- Апээй ботом, тамактан ичип турбай.. - деди ал.

- Сизге ырахмат, - деди Марияны күлө караган Элмира. - Көңүлүнө жага албадым иниңиздин, сырыбызды биле албадык бирибиздин. Татаал тагдыр чулгап алган тура көрсө, мен кайтайын эжеке бата бериң! - деп Элмира ошентти да алакан жая бата кылып ордунан тура эч нерсеге карабай чыгып кетти.

Мария да, Канатбек да унчукпай бири-бирин карап турган ордунда кала беришти. Аңгыча Турар кирип эле:

- Ой эмне болду, сүйлөшкөн жоксуңбу? - деп Канатбекти суроолуу карады.

- Сүйлөшкөндө эмне жезде, болбойт аныңар, жөн эле койгулачы, - деди да Канатбек да башка бөлмөгө чыгып кетти.

Ошентип анын көңүлүнө жакпай турган келин ага таңкалыштуу сыр калтырып кетти: "Мени татаал тагдыр чулгап алганын кайдан билди, балким аны жактырбаганымды билгизип алдым окшойт. Ка-ап, жакшылап сүйлөшүп койсом болмок экен, анын чырайын чылап ичмек белем, жакшы аял болуп берсе болду эле го" деп ойлонуп өзүн жаман сезип калды. Ошол бойдон эч кимиси үн каткан жок. Канатбек өз батирине кетип калды. Мария инисине жини келип турса да ашыкча сөз айталбады. Канатбек көпкө чейин каттабай өзү менен өзү болуп жүрө берди. Убакыттын кээде көзгө илээшпей өтүп жатканына адам баласы кейип калабыз, а кээде күткөн күндү канчалык күтсөң да түш жарымдык убакытты өткөрө албай убарабыз.

Жаз да келди, айлана жапжашыл ыраң жамынып жыпар жыты аңкыган ар түрдүү гүлдөрдүн аба жарган, ырахат тартуулаган мезгили келди. Аңгыча Адилет биринчи курсту аяктап айылга жөнөмөк болду. Анын көксөгөнү Айтурганды көрүп, жүрөгүндөгү сагынычын айтып, сеңселген саамайынан сылап, жоодураган көздөрүн тойо карап, аппак жүзүнөн искегиси келип турган. Канатбек ошол кезде ооруп ооруканага жатып калды. Анын алын көргөн бала дары-дармек керек болгондуктан иштөөгө туура келди.

- Ата, мен сиздин ордуңузда иштей берейин, - деди ал айылга барууну токтотуп.

- Сен кыйналып каласың балам, жумуш оор, андан көрө таятаңдыкына барып бир ай сүт ичип кел.

- Жок, сиз ооруп жатсаңыз мен кете албайм.

- Мен бат эле чыгам уулум. Сар-санаа болбой бара берсеңчи.

Канатбек кабыргасы ката элек уулун аяп турду.

- Анда барып эки-үч күндө кайра келем, - деди да Адилет жөнөп кетти.

Жайдын толук убагы, ошол жылы Эстебес кемпири экөө жайлоого чыгышкан. Берметтин табы жок болуп врачтар аны саамал ич дегенинен жылкычы туугандарынын жанына боз үйүн тигип алып бирин-экин жандыгын карап тоодо болчу. Адилет келип алардын тоого чыгып кеткенин угуп, аерде ал күнү болду да, эртеси тагасы Болотбек аны жайлоого жеткирип койду. Эстебес жээнин кубана тосуп алды. Айтурган ошол кезде ата-энесине кеткен. Каникулга чыккан соң атасы аны чакыртып алган болчу.

Куштарбек анын өгөй атасы, Айшакан күйөөдөн чыгып келгенден кийин Нарын шаарына келип дүкөнгө иштеп жүрүп Куштарбек менен таанышып калган. Анын беш баласы, аялы бар эле. Айшакан экөө бири-бирин жактырып калып, Куштарбек беш баласы менен аялын таштап Бишкекке кетип калганда Урматкан ыйлап-сыктап кала берген…

Болотбек Эстебестин Жунустан кийинки баласы, трактор менен жер айдап айылда өз тиричилигин кылат. Келинчеги Базаркан жоош момун келин, үч балалуу, кайната, кайненесин өз ата-энесиндей карап, ыйбаа кылып турат. Болотбек жээнин жайлоого жеткирип койуп кайра тартты. Адилет Айтургандын жогуна капаланып кабагын салып боз үйдөн чыгып ары-бери басып жүрдү. Бермет аны ичтен сезип үндөгөн жок. Адилет кеткиси келип эртең жөнөмөк болуп ойлонуп калды. Кечки тамакка отурушканда Эстебес жээнин карап:

- Адилет, бир жума жүрүп кет, уулум, эртең Жунус тагаң бала-чакасы менен келет, сен анын балдары менен таанышып ал. Айшакан дагы үйбүлөсү менен келет, - деди.

- Макул, - деп Адилет Айтургандын да келээрин билип, "кетем" деген ойун айткан жок.

- Ошент садага болойун. Бөлөлөрүң менен тагаларың баары чогуу келишет, таятаң аларды келет деп бир кунан койду сактап отурат, - Бермет дагы Адилетти карап мээрим төгө жылмайып койду. Ал бир аз сыркоолоп калганга арыктап калган эле.

- Тайне, ооруп жатасызбы?

- Ооба каралдым, эми жакшы болуп калдым, бээнин сүтүн ичип жатам.

- Оорубаңыз таене, ооругандан коркуп калдым, мен врач болуп айыкпас дарттарды дарылайын деп ойлодум эле бирок ага жетишпей калдым, - деп Адилет муңая сүйлөдү. - Балким медицина күчтүү болгондо апам сакайып кетет беле…

- Оо-олда-а садагаң ай, ажал күчтүү, балам. Канчалык доктур күчтүү болсо да кудайым жардам кылбаса адамдын колунан эчтеке келбейт.

- Билбейм, доктурлар күчтүү болсо апам тирүү калат беле деп ойлойм,- деп Адилет башын жерге сала апасын ойлонуп калды.

- Жээн киргиче жети бөрү кирсин деген, жээним келип калыптыр, эртең ойго түшүп тиги тайды сатып келбесем болбойт, жолуна тыйын камдап берели, - деди Эстебес аялы менен жээнинин капа боло түшкөнүн көрүп.

- Антпесең болбойт, неберелердин баары чогулуп келсе таттуу-паттуу жешсин, ала кел! - деп Бермет кошумчалап койду. - Болотбек, Жунустар менен келээр, тиги Жолдубай Россиядан келди бекен, ошол келбей калат го, Айшакан менен Рыскан го чогуу келишет.

- Кой эртерээк жатып эс алалы, Адилет да жол жүрүп чарчап келди, орун салып бер тайнеси, - деп Эстебес дасмалга бата кылып сыртка чыкты.

Бермет үйдү жыйып, идиш-аягын жууп анан орун салды. Жайдын толук кези, боз үйдүн түндүгүнөн жымыңдаган жылдыздар көрүнүп, Адилеттин ойу алда кайда кетип жатты. Анын ойунда Айтурган экөө жапжашыл тоолордун бийик чокусунда жетелешип чыгып не бир кооз жаратылыштын түркүн түскө бойолгон ажайып гүлдөрүн аралап жүгүрүп жүргөндөй сезди: "Эртерээк эле келсе экен, кандай болуп калды, ого бетер сулуу болуп бойу да өсүп калгандыр" - деп ойлонуп жатып уйкусу качып көз алдына Айтургандын жоодураган капкара көзү, жүзүнө түшүп сеңселип турчу кундуздай саамайы, узун ичке салаалары тартылып толкунданып алды: "Менин сүйгөнүм, сенден башка бирөөнү да карабайм, сени өмүр бойу көзүмдүн карегиндей сактап, көзүңдү гана карап өтөм, менин карлыгачым, аркардай жайнаган көздөрүңдү сагындым" деп көзүн жума кыялданып жатып уктап кеткенин сезбей калды:

- Ээ кемпир, Адилетти ойготчу, мени менен ойго барып келсин, мал базарга барганда тайды карматып мал баасын чалып көрбөсөм болбойт! - деген Эстебестин үнүнөн ойгонуп кетти.

Көзүн ушалай таенеси үйгө кирип келатканда өзү эле туруп кийине баштады.

- Садагаң кетейин десе, ойгонуп алдыңбы, таятаң мени менен мал базарга барып келсин дейт, барасыңбы?

- Ооба…

- Анда чайыңды ичип ал, азыр таятаң атын токуп жатат.

- Ийи, - деп койду Адилет.

Анын эч жакка жылгысы жок, Айтурган келсе тосуп алып учурашкысы келген менен улуу кишилерге мойун толгой алган жок.

Ал күнү Эстебес тайды алты миңге сатты. Көңүлүндөгү баага сатканга жайдары болуп таттуу-паттууну мол алды. Адилетке дароо эле эки миң сом берип:

- Муну жолуңа сактап ал балам, кийим-кече аласыңбы, өзүң бил! - деди.

- Таята, жөн эле койбойсузбу, мен акчадан кыйналган деле жокмун, атам ооруканада, таенем да ооруп жатыптыр. Мени ошол гана капалантып жатат, - деп Адилет ойлуу аттын жалын карап сүйлөдү.

- Кудай сактасын балам, акча деген сага шаарда керек болот. Атаң да ооруп жатса кыйналып каласың.

- Мен баргандан кийин иштеймин, таята, иштебесем атамдын укол дарысынан кыйналып калабыз.

- Иштеген эмнеси, окууңду окугун, атаң жакшы болуп кетээр, эже-карындаштары турат, иниси бар…

- Алар карап жатат дечи. Өзүм дагы таап берейин дегем да?

- Иштебей эле кой балам, анда мен сага дагы берем, иштейм деп окууңдан алагдыланып каласың, - деп экөө жолдо кобурашып отуруп бат эле келип калышты.

Жайлоонун таза абасы, көк тулаң көйкөлгөн шибери, баглан козунун этинен жеп, кымыздан кылкылдата жутуп койуп, эс алып жаткан кандай ырахат? Керээли кечке таятасы менен кыдырып кымыз ичет, барбайм десе Эстебес:

- Кыргыз кымыз менен казы-чүйгүн эттин ээси, ансыз азыркы жаштардын кубаты жок, илбийип кыздан айырмасы жок бир ичеги болуп калды, - деп күпүлдөйт.

- Таята эмнеге, шаарда ал тамактар деле азыр толуп калбадыбы?

- Балам, аны азыр капчыгы калыңдар жейт, силер студент болсоңор, акчаңарды үнөмдөп эптеп окуп жүрсөңөр кайдан, күндө ичпегенге кымызды иче албайсыңар да!

Адилет ойлонуп калды: "Ырас айтат таятам, кээде жөн гана кофе менен жүрө берем, атам акчасын алганда эт алып келет, болбосо чай менен жатып алабыз го?" деп ойлонуп жатып кайрадан Айтурганды эстеди: "Келип калса экен, кантип учурашаар экенбиз? Айшакан таежем күйөөсү менен келсе биз жолугуп сүйлөшө албай калабызбы?" деп сары санаа болуп жатты.

"Үч күн өтүп атасын ойлоду, келип калам деди эле, күтүп жатты бекен, жакшы болуп калса жакшы болот эле" - деп эс алгандан да Айтурганды көргүсү келип тынчы кете берди.

Келгенине төрт-беш күн өткөндө эки машина алардын боз үйүн көздөй ээрчише келип токтоп калды. Чогулуп келген балдарына кубанган ата-эненин чечекейлери чеч боло неберелери менен бабырашып оңуп калышты. Адилет алар менен учурашып жатып да издегени Айтурган болду. Бермет сагынычы жазылгандан кийин:

- Ээ Айшакан, Айтурган кайда калды? - деп сурап калды.

Тынчы кеткен Адилет эси-дарты анда болгондуктан кулак түрүп калды.

- Апа, Айтургандын кичинесинен жүрөгү ооруйт эле, бир жумадан бери ооруканада.

- Ии-ий карангүн, кармабай калды деп кубанып жүрбөдүң беле?

- Билбейм, өткөндө барып үйдө жүргөндө кармап жүрөгүбүздү түшүрдү.

- Эми жакшылап дарылата көргүлө, ушундайда жакшы айыгып алсын, - деп Бермет кейий сүйлөдү.

- Апа, аны күйөөгө тийип балалуу болгонго болбойт дейт врач… - Айшакан улутуна апасына карап отура кетти. - Кайдан жабышканын билбейм, төрөлгөндөн жүрөгү оорукчан болуп төрөлдү го ушу кыз.

- Айта берет, - деп Бермет кызын жайкаган болду. - Илгери биздин коңшунун кызын ошентип жүрүшүп эле күйөөгө тийгенден кийин жакшы болуп кетип, бала-чакалуу болуп калган.

- Ошентсе кана апа, коркуп калдым…

Ушуларды угуп турган Адилеттин заманасы куурула эмне кылаарын билбей үйдү айлана басып кетти: "Анын жүрөгү оорукчан болсо кандай болот, күйөөгө тийбей турган болсо кантет, эми эмне кылам? Шаарга тезинен барып сөзсүз ага барышым керек" деп ойлонуп эч нерсеге көңүлү келбей кеч күүгүмгө чейин басып жүрө берди. Аны бир гана Эстебес, Бермет менен Айшакан сезди. Ал эртеси кетем деп айталбады, эки күн бөлөлөрү менен таанышып сүйлөшүп жакшы жүрдү, анан үчүнчү күнү таятасына:

- Мен кетишим керек таята, сиздерге ыраазымын, апам болбосо да сыйлап жатасыздар, бир өмүр ыраазымын таенем экөөңүздөргө, - деди.

- Арам десе, апаң менин кызым, анын кара чечекейин кантип томсортуп койобуз. Барсаң бара кой, окуу башталганча Айтурганды көрүү үчүн өзүм барам, ошондо жолуга келем.

Эстебес жээнин таксиге салды. Ага колунда барын берип жөнөтүп узата карап туруп: "Ушунуңа да шүгүрчүлүк жараткан, көп эмгек кылып балдарды чоңойтуп койдук эле эми буйурса үзүрүн көрөөр кез келди. Жетип-жетпей жашаган жашоо татыктуу өмүрдү берээри бышык. Баары болуп талдаңдатып бакан балдар карабай кетип жатпайбы" деп оор күрсүнө артына бурулду. Үйүнө келип тун уулу Жусуптун өзүндөй болуп агала чачын, буурул тарткан мурутун көрүп ичинен толкунданып кетти: "Менин орун басарларым, өлсөм атымды өчүрбөй очогумду тутантаарым…" деп кубанычка жүрөгү балкып ар жагынан жабышып: "таята, таене" дешип отурган неберелерине өпкө-жүрөгүн чаап жатты. Бермет андан бетер, айланып-кагылып жаны калбай улам бирин кучактап өөп маңдайы жарыла сүйүнүп отурат. Келиндери андан бетер кайната-кайненесин сыйлап, Эстебес отурган жерден алыс өтүп алдынан өтпөй ызаат кылганга экөө тең ыраазы. Уул-келин, кыз-күйөөлөрү үч күн туруп анан кетишти.

Адилет шаарга келип эле атасына барды, ал жакшы болуп калган экен, бир-эки күндө чыга турганын айтты. Ал кубанып кардиология бөлүмүн көздөй жөнөдү, көз алдына жал-жал көзү, өзүнө таарынып: "Эмнеге келбей жаттың?" деген сөзүн уккусу келип шашып жетип оорулуулардын катталган тизмесине көз жүгүрттү. Издеп жатып акыры Саматбекова Айтурган дегенди көзү чалып дароо эшикке жетти:

- Эже, төртүнчү палатадагы Саматбекова Айтурганды айтып койосузбу? - деди санитаркадан эле.

- Азыр, - деген аял кирип кетип бир аздан кийин каридордон мойнун созо карап турган Адилет өзүн көздөй келаткан узун бойлуу, өңү боппоз болуп арыктап кеткен Айтурганды көрүп ыйлагысы келип шарт эле эшикти ачып алдынан тосуп эки бетинен өөп жиберди:

- Айтурган, кандай денсоолук?

- Жакшы, өзүң кандайсың? - Айтургандын азган өңү ого бетер апаппак болуп жылмая карап көздөрү жайнап, өзүн тиктеп турду.

- Жакшы эле, өзүң жөнүндө айтчы, эмне болуп ооруп калдың?

Колтуктай коридордон сыртка чыгышты.

- Адилет, азыр апамдар келип калышпасын.

- Алар тоодо, сенин ооруканада экениңди таенемдерден уктум.

- Аа-а, - деп койду Айтурган бош.

- Жакшы болуп кетчи Айтурган, сени ооруканада деп укканда учуп жетким келгенин айтпа, ансыз дагы сен деп айылга барганымды билесиң да, сагынганым бир азап, көзүмө көрүнбөгөнүң бир азап болду, же таенемден сурай албайм.

- Жинди… - деп койду Айтурган, - таенемден жөн эле сурай берсең болбойт беле?

- Уялдым.

- Бөлөңдү сурагандан эмнеге уялмак элең?

- Сен билесиңби Айтурган, мени Германияга барып окуумду улантканга жөнөтүп жатышат.

- Сонун болгон экен… - Айтурган сумсая жер тиктеп отуруп калды да көптөн кийин, - куттуктайм! - деди аста гана.

- Рахмат.

- Биз көрүшпөй калабыз го анда, - деп кыз улутунуп алды. - Биз экөөбүз бөлө бойдон гана калганыбыз жакшы окшойт, Адилет.

- Эмне дейсиң, Айтурган?

- Мени врач турмушка чыгып бала төрөгөнгө болбойт дейт, демек биз сый гана болушубуз керек!

Кыздын үнү каргылдана кирпик арасынан мөлт эткен жаш төгүлүп кетти. Мурда угуп калганга Адилет үн катпай кыздын колдорун кармалап сөз таппай отуруп берди. Экөөнө тең өтө оор болду, али жаштыктын доорунан алыстай элек эки жаш сүйүп, сүйүүнүн ырахатын көрө элек жатып тагдыр аларды туйукка камаганы.

- Айтурган, кантип эле, балким андай болбойт чыгаар, жакшы болуп кетчи адегенде кудай бизди өзү табыштырып, өзү бөлүп койбос, - деп Адилет сөзүн баштап келатып, анан көпкө ойлонуп туруп, - Эгер андай болсо мен дагы үйлөнбөйм, дүйнөдөн так өтөм! - деди.

- Жинди десе, - деп Айтурган аны жадырай карап күлүп жиберди. - Ошо кантип болсун!

- Болот, эгер сага күйөөгө тийгенге болбосо, мага үйлөнгөнгө болбойт! - деп Адилет аны карабай туруп ойлуу сүйлөп жатты. - Адам дүнүйөгө бир гана жолу келет, бир жолу сүйөт. Бир жолу үйлөнөт, бир жолу өлөт, демек мен алгачкы сүйүүм үчүн өмүр бойу жалгыз өтүүгө даярмын! - Адилет кыздын тизесине эки колун койо көздөрүнө тике карады. - Каалайсыңбы ант берейин, касам ичейин?

- Койсоңчу Адилет, сен жөн эле артист болуп кеттиң го? - Айтургандын заматта кабагы ачылып кыткылыктап күлүп жатты. - Сен андан көрө театралдык окууга тапшырсаң болмок экен?

- Мени сүйүү ушуга алып келип жатат, Айтурган, эмнеге биздин бири-бирибизди сүйгөнүбүздү көрүп-билип туруп кудай сени оорутуп койду?!

- Ай Адилет, андай дебе, кудайга күнөөкөр болбочу? - Айтурган жигиттин жаагына узун, аппак ичке салааларын алпарып сылап, - кудайга тил тийгизген болбойт дечү таенем..

Экөө ошентип сөзүнүн аягына чыга электе сестра башын терезеден чыгарып:

- Саматбекова, уколго! - деди.

- Мени чакырып жатат, эми сен бар, кеч да кирип кетти.

- Кайра чыкпайсыңбы?

- Жо-ок, эс алайынчы ээ? - Айтурган жаны кыйналып тургандай акырын айтканда гана ал кызды колунан бекем кармап, бетинен өөп жолуна түштү.

- Жакшы жатып эс ал, эртең келгенде жүгүрүп чыга турган болсоң…

Узап баратып арты менен баса колун көтөрүп, өөп койуп кайра жөнөдү. Айтурган анын кыял-жоругуна күлкүсү келип: "Кызык, эч тартынбай өөп алганы кызык же мурда өбүшүп жүрбөсөк" деп жылмайып алып палатасына кирди. Сестра укол сайып, кечки дарысын берип кеткенден кийин жанында жаткан кыз ага карап:

- Айтурган, тиги сенин жигитиңби? - деди.

- Жок, бөлөм болот.

- Бөлөң красавчик экен.

- Ыраспы?

- Ооба, чын айтам, бөлөңдү чабыш керек экен, эми келгенде тааныштырбайсыңбы?

- Ма-акул, - Айтурган анын сөзүн уккусу келбей ары карап жатып алды.

- Окуйбу?

- Ооба.

- Кайсында?

- Билбейм, кызыккан эмесмин.

- Кызык, бөлөңдүн кайсы окууда экенин билбегениң жаман экен…

- ? . . .

Ал унчукпай койгондон кийин өйдө болгон кыз терезеге барып ойлуу туруп калды. Ал Бишкектеги чоң мекемеси бар адамдын кызы эле, аты Сабина. Жакында аны Америкага алып кетмек болуп жаткан. Айтургандан эки жаш улуу, анын да төрөлгөндөн жүрөгү ооругандыктан операция жасалмак. Ошол тушта анын ата-энеси келип калды.

- Ма-ама! - деген Сабина жүгүрүп, ылдый түшүп кетти.

Айтурган аны ичинен жаман көрүп кетчү, өтө мактанганы, жөнү жок врач менен сестрага деле эркелей чойоктой берчү. Анын ата-энесинин келгенин билип: "Эми көпкө чейин мактанат тура" деп ойлоп алды: "Менин өз атам болсо, колунда бар болуп операцияга берсе жакшы болуп кетээр белем? Кудай жардам бере гөр, сакайып кетсем экен" деп улутуна ордунан козголуп, бери карап жатты: "Адилет эмне кылып жатты экен? Мени ойлоп жаткандыр, ага да кыйын болду" деп ойлонуп кайра ал ойунан кайтып: "Ал эмне эмеле башка бирөөнү таап алат да, мени өмүр бойу күтмөк беле. Мейли анын жашоосу да өзүнчө, тагдыр жолу бар эмеспи, экөөбүз тең башка келгенин көрөөрбүз" деп кызганычы кайра баарына баш ийүүгө алмашты.

- Айтурга-ан! - Сабина эшиктен жүгүрүп киргенде көзүн жумуп калды. - Айтурган, мен эртең кете турган болдум! - деп анын жанына келип ойготмокко төшөктү тартып жиберди.

- Ии-ий, эмне болду, Сабина? - деп Айтурган уктап жаткан немедей көзүн үлпүлдөтө аны карады.

- Ай-ий Айтурган, сен аябай сулуусуң ээ? - деп Сабина аны карап суктана кетти. - Негедир бүгүн аябай сулуу болуп көрүнүп турасың, мурда байкабаптырмын!

- Денсоолугуң болбосо сулуулуктун эмне кереги бар? - деп Айтурган көңүлсүз көзүн жумуп алды.

- Денсоолук демекчи мени эртең Америкага алып кетмек болду, баардыгы бүтүптүр!

- Ылайым жакшы болуп кет.

- Айтканың келсин Айтурган, сен дагы жакшы болуп кет. Эми биз көрүшө албай калабыз го, сен да өз жолуң менен кетесиң, мен келгиче жата бермек белең?

- Ошондой го?

- Баса, мен сага үйдүн телефонун берейин, чалып сурап тур, жолугушабыз кийин.

- Макул.

- Мына, - деп Сабина кагазга телефон номерин жазып ага карматты. - Эми тур, мамамдар тамак алып келиптир, - деп тамактарын жайып кирди. - Кел Айтурган.

- Эч нерсеге көңүлүм жок, өзүң иче бер, Сабина.

- Эмнеге? - деп Сабина аны бир карап алды.

- Билбейм, жүрөгүмө эч нерсе баспай турат.

- Койчу, жок дегенде менин жаныма келип отурчу, кечке жата берсең ого бетер көңүлүң чөгүп кыйналасың, кана тур! - деп Сабина аны ой-бойуна койбой тургузду.

Анын баладай кыялы, ичинде кири жок ак көңүлдүгү Айтургандан улуураак болсо да ой санаасы жок көңүлү ачык жүргөнү жагып кетчү: "Мактанчаактыгы гана болбосо жакшы эле кыз" деп ыраазы болуп алды. Айтурган оор басырыктуу, көп сүйлөбөйт. Ал Сабинанын жанында бирдемелерди сүйлөп аз-аздап тамактан алып отурду. Экөөнөн башка дагы бир келин жатат, анын абалы оорураак, жакында операция болмок. Үйүндөгүлөрү тынбай жанында болуп карап жатышкан. Колунда жоктугунан акча топтогуча кыйналып күндө бир маал кислород менен дем алдырып, укол сайгандан кийин эс алып калат. Айтурган анын абалын көргөн сайын өзүн ойлоп коркуп кетчү. Ал азыр реанимация бөлүмүнө которулуп экөө эркин боло түшкөн. Ал болгондо экөө катуу сүйлөшпөй бутунун башы менен акырын басып кирип чыгышчу. Ооруканада чогуу жатканына он беш күндөй болуп калган, түнү менен сүйлөшүп жатып кеч укташты. Катуу уктап жаткан Айтурганды Сабина ойготту:

- Айтурган, мен кетип жатам!

Одеалды ары алып өйдө болду да ага уйкулуу көзү менен карады:

- Ушунчалык эртеби?

- Оой саат тогуз болуп калбадыбы, атамдар келип мени күтүп жатат, - дегенде Айтурган ордунан туруп ага карады:

- Сабина, тез сакайып кет, ак жол каалайым! - Экөө кучакташып туруп калды. - Ийгилик каалайм!

- Өзүң дагы, саргайып жаткан оорудан кудай тез арылтып куландан соо болуп кет!

Ыйлап коштошушту. Сабина машинага түшүп жөнөп кетти.

Айтурган: "Жакшы болуп кет Сабина, ушундай ак көңүлсүң, ниетиңе жараша сакайып ата-энеңди кубант" деп терезеде ойлуу турганда анын маңдайында гүл көтөрүп Адилет турган эле.

- Айтурга-ан!

- Аа-азыр! - Айтурган сыртка чыкса Адилет аны дагы эки бетинен өөп:

- Бул сага, ар дайым ушул гүлдөй бажырайып ачылып турушуңду каалайм. Жакшыбы акыбалың? - деди колуна розанын тутам букетин карматып.

- Жакшы, - Айтурган суз гана унчукту.

- Сени операция жасаса болот бекен? - деп Адилет капысынан суроо берди.

- Азыр эмес, жасаса болот имиш.

- Анда жакшы, жүрөктү операция жолу менен айыктырып жатышпайбы?

- Көрөбүз да, - деп Айтурган ага операция үчүн чоң акча керек экенин айткысы келбеди.

Көпкө ары-бери басып жүрүштү. Адилет өзү жасап, тамак алып келген.

- Тамак ичип алып кайра чыкчы, - деди Адилет Айтурганды карап.

- Адилет, сен бара бер, мен өзүмдү жаман сезип турам, - деп Айтурган аны ойлуу карады. - Күндө эле келе бербесең, атам өтө жаман, экөөбүздү тең урушат…

- Эмнеге, экөөбүздүн жолугушканыбызга каршы болобу?

- Ооба…

- Кызык…

Адилет жер карай ойлонуп калды. Айтурган аны атайын эле ошенткен болчу, ойунда аны түңүлтөм деген. Бирок Адилет ага болбосун өзү билсе да ошентти.

- Бизге эч кимдин каршы болушу мүмкүн эмес, мен андайга чыдабайм. Айтурган өзүң айтчы, мени көргүң келбей турабы? - деп Адилет аны жалдырай карап тизе бүгүп отура калды. - Менин сүйүүм жоопсуз калышы мүмкүн эмес. Сүйүүмө жетишиме эч ким тоскоол боло албайт!

- Адилет, кыйнап жибердиң, мен сенин сүйүүңө сүйүү менен жооп кылгамын. Бирок тагдыр экөөбүздү эки бөлгөнү турат.

- Жок-жок, Айтурган, биз бөлүнбөйбүз, балалуу болбосок да бирге болобуз, чогуу жашай беребиз.

- Адилет, аны кийин көрөбүз, азыр бара бер, жакында окууңа барасың, мен эс алайын, ээ?

Айтурган оорукананы көздөй басып жөнөгөндө Адилет тизелеген бойдон жерди таяна отура берди, анын көзүнөн жаш куйулуп турганын өзү сезген жок. Ары жактан келаткан улгайыңкы адам ага кайрылды:

- Уулум, сага эмне болду, жигит минтип мүңкүрөбөйт, тур ордуңдан!

Адилет аны бир карап алды да өйдө боло берип тизесин кагып, жашын аарчып жатканда палатасынын терезесинен карап турган Айтурган өзүн кармана албай керебетке бүк түшүп буркурап ыйлап жатып жүрөк оорусу кармап калды. Сестраны жанына жаңы келип жаткан келин чакырып келе калды. Врачтар тегеректеп укол сайып калышты. Адилет эч нерсени билген жок, көз алдына ооруп жаткан апасы, анын өлүп жатканы, чоң энесинин төшөктөгүсү баары элестеп, Айтургандан айрылып кала тургансып жан дүйнөсү жабыркап, жүрөгү сыздап, кадамын санап, жер карап кетип жатты: "Жакшы болуп кетсе экен, мен ансыз жашай албайм, кокус болсо анда мен аны менен бирге кетем" деген ойдо батирине капа болуп келсе Канатбек күтүп отуруптур. Ал ооруканадан чыгып келген эле.

- Чыгып келдиңизби? - - деп Адилет атасын көрө кабагы ачыла учурашып эшигин ачты.

- Кайда жүрдүң, балам?

- Ооруканага бардым.

- Эмнеге?

- Айшакан таежемдин кызы жатат.

- Аа-а жакшы, барбай анан, барып тур.

- Ата, жүрөк оорусу бар болсо күйөөгө тийбей, бала төрөбөй жашай береби?

- Эмнеге сурадың муну? - Канатбек уулун таңгала карап койду.

- Айтурган төрөлгөндөн жүрөк оорусу бар дешкен экен врачтар. Эми аны күйөөгө тийип бала төрөгөнгө болбойт дешиптир.

- Билбейт экемин, балам, балким ошондойдур, - деп Канатбек кайдыгер жооп кылып отура кетти. - Канчада?

- Он алтыда, быйыл онунчуга окуйт.

- Чоңойуп калган экен, мен көргөн эмесмин.

- Жакшы кыз… - деп койду Адилет, муну эмнеге айтканын да сезбеди.

Болгону Айтурганды колунан келсе өзү дарылап заматта айыктырып алгысы келип турду. Заманасы куурулуп босогодо ойлонуп отурган Канатбек аны бир карап алды да: "Бул бөлөсүн жакшы көрүп калган эмеспи, же анын ооруп калганына кайгырып жатабы?" деп ойлоду да:

- Уулум, чай койчу, - деди.

Адилет плиткага чай койуп, анан камоктон нан алып келди, экөө бирге отуруп чай ичишкенден кийин тамак жасаганга киришти.

- Ата, жакшы болуп калдыңызбы?

- Ооба балам жакшы элемин, кичине алым кеткени болбосо жакшымын.

- Эмнеге алыңыз кетет, каныңыз аз болуп жүрбөсүн?

- Ким билет, көптөн бери укол алгандыкыдыр…

- Оорубай жүрсөңүз экен, мен окуумду бүтүрүп иштеп калсам анан адамча жашайт элек.

Ата-бала кобурашып көпкө отурду. Аңгыча кеч кирип жатаарга убакыт жетип уктамак болуп, чакан өжүрөдө чыракты өчүрүп жатып калды. Дегеле Адилеттин уйкусу келээр эмес. Ал түндө да уктабай чыккан.

Канатбек кайрадан жумушка чыкты. Адилеттин окуусу башталып калган менен ооруканага да жетишет. Айтурган баягысынан жакшы болуп калган. Экөө көпкө чейин отура беришет. Адилет кызды колтугуна кысып ар убак чачынан жыттап ойго чөмүлөт. Ошол күнү дагы кеч күүгүмдө экөө кыналыша бирге отуруп сүйлөшүп отурушкан:

- Айтурган, тээтиги келинди карасаң, - деди Адилет.

- Эмне болуптур, кана?

- Бойунда бар экен, төрөйүн деп калыптыр.

- Аны кайдан билдиң, ал азыр төрөбөйт.

- Сен кантип билдиң?

- Ушинтип эле, аял төрөөрдө ичи ылдый түшүп калат дешет.

- Чынбы?

- Чын.

- Аа-а. Сен экөөбүз көлгө барабыз быйыл жазда, макулбу? - - деп Адилет аны алаксытмакка эле ар кайсыны сүйлөп жатты.

- Адилет, - деди Айтурган бир кезде, - эгер мага бирдеме болсо ушул күндөрдү эстеп жүрөөрсүң, ээ? - деди капысынан.

- Андай сөзүңдү экинчи укпайын, алтыным. Сен сөзсүз сакаясың, а эгер андай болсо мен сенден бир мүнөт да калбайм!

- Мако-о десе, сенин денсоолугуң таза, алдыда жакшы күндөрүң толуп жатат, жашсың. Андан көрө унутпайм деп сөз берчи?

- Жок андай болбойт, сен жашайсың. Болгондо да менин жанымда, эчен-эче-ен жылдар бойу сүйүүбүздү эскиртпей өзүбүз картайсак да сүйүүбүз жапжаш бойдон өмүр сүрөбүз!

- Ой жинди, мени алаксытпай эле кой, мен баарын билип турам…

- Сен минте берсең, мен эртелеп эле кетип калам да, тосуп алам тияктан!

- А барбай калсамчы? - деп Айтурган кайра кабагы ачыла күлүп калды. - Анда кантесиң?

- Анда эрте келип алыптырмын деп суранып келип алам жаныңа.

Экөө күлүп жатканда Айшакан менен Куштарбек келатып алардын үнүн тааный койгон Айшакан күйөөсүн токтото койду. Тыңшап туруп сөздөрүн угуп дабыш бере жөтөлүп жете келишти. Экөө тең ордунан тура калды.

- Экөөңөр караңгыда эмне кылып отурасыңар? - Айшакан жетип эле ачуулана карады. - Адилет, караңгыда кыз баланы эшикте кармаганың болбойт, тур бар!

- Таеже, азыр эле келгем… - деп Адилет эмне дээрин билбей туруп калды.

- Азыр келдиңби, көп болдубу, жөнөгүн!

- Сен бала чоңойуп калгансың го? - Куштарбек аны кекете жанына келди. - Экинчи Айтургандын жанынан сени көрбөйүн, уктуңбу?!

- Эмнеге?

- Болду сүйлөбө!

- Апа, аны эмне урушуп жатасыңар, келсе келээр, эмне болмок эле? - деп Айтурган ыйламсырап ийди эле, Айшакан аны колунан ала ары жетеледи.

- Үнүңдү бас, мындан ары экөөңөр жолукпайсыңар. Эгер дагы көрө турган болсом таарынба!

- Анда эмне күнөө, мынабу көпкөлөңдү токтотуш керек, - деди Куштарбек. - Дагы келгениңди уксам бутуңду басалбай турган кылам, азыр сыйың менен жөнө! - деп Адилетти омуроолой чаап жибере жаздаганда Айтурган жүгүрүп келип ортого тура калды:

- Адилет, бар, экинчи келбе! - деп ыйлап ичкери кирип кетти.

Адилет ызаланып кетип жатты. Ошол бойдон Айтурганды көрө албады. Эртеси келсе чыгарып алып кеткен экен. Өзүн жаман абалдан чыгаралбай жүрүп ооруп калды. Көз алдынан кыз кетпей, жоодураган кареги карегине чагылышып көзү илинсе эле Айтурганды көрүп эс-учун билбей жатып калды. Бир күнү анын түшүнө бала кезде өзүн эркелетип жакшы көргөн чоң энеси кирди, өзү көрүнбөй эле элеси көрүнүп: "Уулум, мынча неге кайгырып алдың? Эч кабатыр болбо, сен бактылуу болосуң. Жигит мынчалык бош болгону болбойт, эркек болоттой курч, кылычтай өткүр, темирдей бекем болуш керек, тур башыңды көтөр, көп эле чөгө бербе, тура гой, уулум" деп башынан сылап жатканда ойгонуп кетсе жалгыз жатыптыр. Күн чак түш болуп калыптыр, негедир бүткөн бойу сергип өзүн жеңил сезип сыртка чыгып эки жакты карады.

***

Куштарбектин аялы беш бала менен абдан кыйналды, колундагы алты айлык кызы менен же эч жерге бара албайт. Айылында бардар жашаган Ысмайыл деген бар, анын үйүнө улуу баласы мал кайтарып, андан кичүү он жашар баласы үй жумушун жасайт. Аларга акысын буудай ун, кээде акчалай берет. Ал эч нерсеге жетпейт, үчөө абдан жаш. Кээде аны алар кирин жууганга чакырып калат. Кичүүсүн эки баласына каратып, тигилердин кирин жууп, эшигин шыпырып эптеп оокат таап келет, отуруп ыйлап-ыйлап алат.

- Кудай ай, эми эмне кылам? Балдарымдын убалы Айшаканга жетсин, - деп үйүндөгү эч нерсеге жарай элек кол караган балдарын тойгуза албай заманасы куурулуп кетет.

- Апа, атам качан келет? - деди жети жашар уулу Сейитбек.

- Атаң келет, балам, - деп ойлуу баласынын башынан сылап койду. - Бир күнү келет…

- Апа, ачка болдум, нан жейм…

- Азыр, нан берем, - деп Урматкан ары-бери карап бир сындырым нан таппай аргасы кетип коңшусуна барды. - Атыр, балам ыйлап жатат, нан болсо берип турчу, - деди эшикте жүргөн өзү курдуу аялдан.

- Алда байкуш а-аай, качанкыга чейин ушинтип жүрөсүң эми, эр сөрөйүң таптакыр кайрылбай кеттиби, ошол бойдон?

- Келбей калды го, келсе эмдигиче келмек, - деп Урматкан муңая жооп берди. - Уулум чоңойуп калды, буйурса дагы бир-эки жылда киши болуп калат.

- Урматкан, бул нанды балдарыңа берип койуп анан келчи, кийиз жасаганы жаттым эле, суу ташып казанга жылыта койчу, - деп кошунасы Атыр бир нан берди.

- Макул, балдарды тойгузуп койойун, келип калам, - деп Урматкан нанды алып кудуңдай үйүнө келип балдарына чай берди. - Садага болойундарым десе, Курсант акең күздө бир кап ун апкелет, Азат акең дагы акысына ун алса кардыңар ачпайт, анан чоңойуп алып бешөөңөр Айзат экөөбүздү багасыңар, - деп үчөөнү отургузуп койуп нанды туурап, үчөөнө берди да, калганын катып койду. Өзү карандай чайдан ууртап алды.

- Апа, тамак бейесизби? - деди Сейиттен кичүү төрт жашар уулу Данатбек. - Эт жегим келип жатат.

- Сен чоңойсоң, Айзат да чоңойот, анан мен иштейм, эми силер кызды карап тургула, мен силерге нан таап келейин, ээ? - деп Сейитти карады. - Айзатты жакшы карагын!

- Мейли апа, мен Айзатты ыйлатпайм!

Сейит эдиреңдей апасына жооп берди. Урматкан шашыла чыгып кетти.

Келсе Атыр аны жини келе карады:

- Эртерээк кел десе жатып аласың да, балдарыңды эми көргөнсүп!. Боор ооруса боорго тебет тим эле, бол эми суу ташый кой, аялдар келип чийге салып түр түшүргүчө ысып калсын! - деп булкуна чакаларды колуна берди да ары басып кетти.

Урматкан зээни кейий анын сөзүнө жүрөгү ооруса да чаканы алып сууга жөнөдү: "Аргасызмын, балдарым чоңойгуча баарына даярмын, уруп сабаса да нан таап берип турсам болду, кечке жардам берсем дагы берээр" деп көз жашын сыдыра муңканып алып, анан суу алып казанга ташып толтуруп от жагып суусун ысытты. Чогулган аялдар түрлүү бойокко бойолгон жүндөрдү созуп жатканда Урматкан:

- Мен түр салайынбы, Атыр! - деди отура калып.

- Сенин колуңдан келсе го? - Атыр ээликтей берки аялдардын ичинен узмун деп жүргөн аялды карады.

- Мейли көрсүн, - деди ал.

- Кой, бузуп койуп жүрбөсүн, сен барып тамак жасай бер! - деп Атыр аны ары жөнөтүп жиберди.

Ал казан асып тамагын жасап кууруп суу куйуп койду да, кайра келип, чийдин үстүндөгү жүндүн үстүнө абайлап отуруп унчукпай созулган жүндү ойуулап сала баштады, аялдар да үндөбөй карап турушту. Урматкан кадимки шырдак түрүндө кылып ойуулап чийди, андан кийин ар биринин ичин толтуруп жатканда Шайлоо:

- Ой кокуй күн десе, сен билинбеген менен кыйын турбайсыңбы, Атыр. Урматкандын өнөрү бар тура, - деди.

- Койчу, - деп Атыр ары жактан келгенде Урматкан бир күлүн бүтүп текчи чиймесин салып жаткан. - Сен буларды өзүң чийдиңби? - Атыр ишенбей Урматканга карады.

- Ооба, мен салып жүргөм да, - деп ал жылмайып койду.

- Баарын өзү чийсин эми бирдей кылып, биз ичин көрсөткөнүндөй кылып толтура берели, - дешти берки аялдардын бири, - жаныңда оймочу турса башка жактан издеп жүргөнүң кызык.

- Ошону айтсаң, Урматкан башкача ойуу салат экен ай, мен жакында ала кийиз жасамакмын, ошону сен салып бер, ээ? - деди бет маңдайындагы отурган аял. Ал беш-алты үй ары жашаган Кайыргүл эле, күйөөсү мугалим.

- Ма-акул, мындан дагы жакшы ойууларды салам, эже, айтып койсоңуз эле барам, - - деп Урматкан өнөрүн отургандар баалап калганга кубана жылмайып койду. - Эгер шырдак ойуп, толугу менен бүтүп бер десеңер да жасайм.

- Ко-окуй, уз жаныбызда турбайбы.

- Ошону айтсаң, дегеле билбептирбиз.

- Капырай, колу менен жасаган буйум үйүндө дегеле көрүнбөсө анан муну кайдан билебиз? - - деп Атыр аны теңсинбегендей сүйлөдү. - Аялдын колунан келсе адегенде өз үйүндө кол иши болчу эле?

- Келин болуп келгени жетишпей келатабыз, анан жылына төрөп түшүп, күйөөмдүн тапканы ичкен жегенден чыкпаса, - деп Урматкан кабак чытый өз ишин улантып жатып сүйлөдү. - Андан кийин балдарым менен таштап кетип калды…

- Ошо курусун, кайдагы бир аялдын кызын баккыча балдарын бакпайбы. Эркек ошо да, өз балдарын баккандан оорлосо керек? - деп ар кимиси ар кайсыны айтып атып кийиздин түрү салынып бүткөнүн байкабай да калышты.

Бүтүп ордунан тура берген Урматканды баары жабыла карап туруп калышты.

- Атыр, бул Урматкандын өнөрүн билгендер айылдан айылга алып кетишмек, мында жакшы өнөр бар экен. "Чөптү кордосо көзгө зыян" дегендей, ошо күйөөң бир күнү сенин жашооң оңолгондо кирип келет. Сен өлбөйсүң, өзүңдүн колуңдан келгенин жашырбай жүр! - деди Шайлоо.

- Ооба, кор болбой турган кол ишиң бар тура.

- Капырай десең, Ысмайылдын кемпиринин кирин жуугуча сый көрүп гана жүрө турган экенсиң, - дешкенде Урматкан кубанычтуу жылмая башын ийкеп жатты.

Андан кийин суу сээп кийизди ороп болуп таңышты да, ары-бери сүйрөп тепкилей башташты. Атыр майда балдарды чакырып келип колдоруна момпосуй карматып, чоңураагына чылбырды берди:

- Кана, апалар чай-пай ичип чыкканча бул жерден сүйрөп ары-бери тепкилеп тургула. Анан силерге дагы тамак берем, макулбу?

- Ооба, - дешип чурулдаган балдар-кыздар чийди ары-бери тоголотуп, топурап тепкилей башташты.

Ушул жолу негедир Урматкан сыйлуу аялдардын катарына отуруп тамактанды. Өзү ичип-жеп отуруп: "Мен го тойуп барам, балдарым ысык тамак ичпегенине бир топ болду" деп ичкени ирим, жегени желим болуп жатты. Көпкө отуруп тамактанып, Атыр бир бөтөлкөнү ортого койду:

- Колуңарга дарт жолобосун, буйурса эми дагы бирди жасайм, төрт балама эненин жасаган буйуму деп бирден шырдак, бирден ала кийиз энчилеп койойун дегем, кыздарыма болсо даярдап койдум, - деп мактанып отурду.

Анын мактанганынча бар, эшигинде дүкөнү бар, күйөөсү айыл өкмөтүндө иштейт. Балдарынын улуусу Курсанттан эки жаш улуу. Быйыл тогузунчу класста окуйт.

- Сен жасабаганда ким жасайт, эриң айыл өкмөтүнүн мал-жан каттоосун жүргүзөт, дүкөнүңөр бар, - - деп Кайыргүл аны тамашалай кетти.

- Ой кокуй, мал-жан каттоодо иштесе эле суудай сузуп таап жатат дейсиңби, өзүмдүн эң кичүү иним Кытайга каттайт да, баарын ошол алып келет, - деп Атыркүл чойуштап койду. - Мен шаарга барып көрө элекмин ишенсеңер.

- Эмнеси болсо да бар да…

- Кудайга шүгүр, балдарымдын жашында даярдап алайын, чоңойсо чоң түйшүгү болот.

- Кой, кийиз кирип калды, үзүп алып жүрбөйлү, баскыла кийизди чечели, - деп Шайлоо аларды карады. - Оомийин, тилегиңди берсин!

Жалпы чыгып чийди оңтойлуу жерге сүйрөп келип жиптерин чечип:

- Тү-үү, тү-үү, - деп кийизди ачып бүктөп катар отуруп баса башташты.

Урматкандын эси-дарты балдарында болуп жатты: "Карды ачып ыйлап жатышабы, эми дагы нан сурасамбы же бир аяк ун сурасам бекен? Жок дегенде эки күн томпоңдоп нан жеп оңуп калсын" деп улам жүткүнүп кийиз басып, бир аз жүздөн ичип шарактап жатышкан аялдардын сөзү кулагына кирбей сары санаа боло берди. Бир күн ушинтип өтүп кетти, кийизди кирдеп жайып көрүшкөндө түр түшүрүлгөн кийизди карап дагы суктанып жатышты:

- Кадимки шырдактын өзү болуптур ай!

- Ооба, жөн эле төрт кийизди ойуштургандай түшкөнүн кара. Кой, мен сага эле салдырайын, - деп Кайыргүл Урматканды карады. - Колуң бош болсо керектүү бойокторду көрсөтөйүн, сен өзүң кайсы керек, кайсы болбой турганын айтып берчи, ошого жараша бойойун, ээ?

- Мейли, - деп Урматкан башын ийкеди.

- Мени унутат экенсиңер да эми? - деп Шайлоо күлүп калды. - Өз айлыңардан оймочу чыгып калды.

- Эми сен каныккан уз аялсың да, мунун өнөрүн да көрөлү, чынында сенин кол ишиң менде көп, - деп Атыр ага карап, - сени элдин баары билет, Урматкан дагы элдин сынынан өтсүн!

- Ой сындан өтпөй эле жакшы кылат экен, өзүн-өзү басып жүргөн тура, - дешип, айалдар үй-үйүнө тарады.

Атыр аялдар кеткенден кийин Урматканды карап:

- Сага ыраазымын, эми сен менин жанымдасың го, жүрү мен сага балдарың ичкидей бирдеме берейин, - деп идишке калган тамагынан куйуп туруп нан, сүзмө менен каймак берди. - Кайра кел, бир чара ун берейин.

- Атыр, сага рахмат, - деп Урматкан ыраазылыгын билдирип үйүндө өзүн күтүп ачка отурган үч жөжөдөй балдарына шашыла жөнөдү.

Келсе Айзаты ыйлап жатып соолуктап калыптыр. Сейит аны соорото албай кошо ыйлап жатканын көрүп, Урматкан кызын колуна ала койду, Данатбеги апасын этектеп отура калды:

- Апа, эмне алып келдиңиз?

- Тамак алып келдим, уулум.

- Эти байбы?

- Ий-ии, - деп алып кайра: "Эти калбаса керек эле, балам эт таппай томсоруп калбагандай эле" деп ичтен сыза тамакты үч бөлүп куйуп жатып ичинде бирин-серин этти көрүп кубанып алды. - Мына балдарым, эми мындан ары кардыңарды ачырбайм, кулундарым! Келгиле, бул нан менен ичип алгыла, - деп жөжүрөгөн балдарынын алдына тамакты берип, нандан сындырып берди.

- Апа, Курсант акем качан келет?

- Жакында келет, балам. Ал келсе ун кенен болуп калат. Азат дагы ун апкелет, анан үйүбүздө баары болот, - деп ойлоно түшүп ордунан турду.

Идиш-аяктарын калдыратып чоң чарасын алып Атырга жөнөдү, ал келсе Атырдын күйөөсү Туткуч бар экен. Иймене босогодон карап үн катты.

- Аа-а, кел Урматкан, бирдеме сурап келдиң беле? - Туткуч аны көрө сурап чандайган курсагын сылай бери басты. - Атыр азыр келет. Кандай, бала-чакаң менен кыйналган жоксуңарбы?

- Жо-ок. Балдар келгиче ун сурап турайын деп келдим эле, - деп Урматкан босогодон ары бойун ала качты.

Туткуч Куштарбек барында эле ага көз артып тийишип калчу, Атыр көрүп калбасын дегендей дарбазадан чыга эки жакты карап туруп калды. Бир топтон кийин Атыр келип аны көрүп:

-Азыр Туткуч бар, эртең ал жокто келчи, - деп акырын айтып кирип кетти.

Урматкан турган ордунда селдейе: "Кантип эле күйөөсүнөн корко койсун, шылтоосу го, бергиси келбей калган го" деп басып кетпей туруп калганда ичкериден Туткучтун үнү угулду:

- Сен тиги Урматканга ун бермек болдуң беле?

- Жо-ок, сурап келген экен, жок деп койдум.

- Мен кашыктап чогултуп жатсам, сен суранганга бере бер, атасына кереги жок балдарды мен бакмак белем? Андан көрө айтып кой, налогу көбөйүп кетти. Качан төгөт экен?

- Эмне деген нолог?

- Үйдүн налогу, сууга, жерге төгүлбөй жатат, булардын үлүшү да бар, же иштетпейт.

- Байкуш десе, аны кантип төлөмөк эле. Балдарын зорго багып жатат, эки баласы мандикер болуп мал багып иштеп жүрөт.

- Аны койуп өзүңдүн балдарыңды ойло. Алар пешенесинен көрсүн, бар эми тамагың бар болсо алып келчи, - деп тапчанга отура кетти. - Баса ,эртең Куштарбектин катынын айтып койчу, конторго барып үлүш жеринин салыгын канча жылдан бери төгө элегин тактап, канча төгөөрүн жазып берейин.

- Ма-акул, - Атыр эч нерсе ойунда жок чын пейили менен айтты. - Айтканда деле эмнесин төгөт, чырактай балдарына карабай эри басып кетип чөжүрөтүп эптеп багып жатат, жардам берип койо турган төркүн-төзү да жок окшойт байкуштун?

- Эмнеси болсо да айтып кой, үлүшүн пайдалана албаса налогун төгө турган бирөөгө берип койсо болот да, качан өзү иштеткиче, - деп Туткуч сыртынан айткан менен арыкчырай келген сурма көз сулуу келинди эптеп колуна түшүрмөк болуп жатты: "Көнбөй көрчү, ачкадан өлгүчө айтканыма көнөсүң да" деп ойлоп койду.

Атыр анысын кайдан билсин, Урматканга боору ооруй сүйлөдү:

- Үлүш жери болсо эптеп иштетип алса болмок экен, жаз, күз нандан кыйналбай калышат эле…

Ошону менен алар унчугушпай калды. Эртеңки күнү экөө дал ошол бечара аялдын айынан уруш-талаш көбөйүп, Атыр Урматканга далай кордуктарды көргөзөөрүн алар сезишкен жок.

Эртеси Урматкан чарасын көтөрүп алып дагы барды, ал азыр эмне десе да даяр, болгону ууч ун болсо эле балдарынын кардын ачырбай, ыйлатпай багууга далалат кылып турган. Дарбазасынан баш багып көпкө турду, эшигинин алдында кийиз жайылып турган экен. Өзү да кызыгып алды: "Жүн болсо мен дагы балдарыма ала кийизди керилтип жасап койсом болот эле, кайдан дейсиң, жадагалса бучкак жүн жок" деп улутунуп алды. Аңгыча Атыр чыга калып аны көрө сала күлүп-жайнап тосуп алды, ал өтө куу аял эле: "Колунан иш келген неменин дагы далай пайдасы тийет" деп ойлоп:

- Кел Урматкан, аерге эмне туруп калдың, ботом келип эле жүргөн үйүң эмеспи? - деп сөрүүгө чакырды, - келип чай-пай ичсең.

- Атыр, чай ичтим, камыр жууруп койсом болот эле, балдардын карды ача электе.

- Жууруйсуң, шашпай отур, азыр тамак алып келейин. Оозу мурдунан ашкан немелер этке тойуп жебей жатышат, сен алып барып балдарыңа берип кой! - Атыр туруп барып кострюлдун жарымынан жаңы эттин шорпосун көтөрүп келди, - ысытып берип койсоң.

- Кудай жалгасын, - деп Урматкан аны көтөрүп баратып, - кайра келе калайын, - деп шашыла чыгып кетти.

Идишти бошотуп келсе чоң чарасына кап ортосунан ун салып койгон экен кайра-кайра ага ыраазылыгын билдире көтөрүп жөнөдү.

- Урматкан, конторго барчы, силердин налогуңар көбөйүп кеткен имиш, Туткуч айтып кой деди эле, - деп калды Атыр.

- Аа-а мейли, анан барып келейин.

- Ошент, - - деп Атыр аны узата карап боору ооруй туруп калды: "Байкуш десе, беш баланы багып койсо эмеле керилип ушул күндөрүн унутуп калат, ушундай сулуу аялы турса башканы ээрчип кеткенин кара, эркекте акылы болсо ары жок болот" деп ойлонуп үйүнө кирди.

Урматкан үйүнө келип камырын жууруп койуп, таза көйнөгүн кийип, жоолугун оңдой салынды да конторго жөнөдү. Ал келгенде Туткуч контордун эшигинде үч-төрт киши менен сүйлөшүп турган эле, Урматканды көрүп эле өзү бөлүнө бери басты.

- Убагында келдиң, болбосо азыр кеткени турдук эле, жүрү ичке, - деп кеңсесин көздөй жол баштады. Кирип кагаздарын улам бирин карап жатып, - мына үч жылдан бери налогуңар төгүлө элек, үйүңөр менен сууга да төлөшүңөр керек эле?

- Менин азыр төгө турган эч шартым жок, жазып берсеңиз, анан болуп калса…

- Эмне, дагы күтөмбү? Силердин налогуңар төгүлбөсө айлык акымды албай мен жүрө беремби?

- Эптеп табам да, - деп Урматкан жер карай күнөөлүүдөй унчукту.

- Урматкан, эгер менин сөзүмө кулак салып айтканыма көнсөң, сени бир жерге жумушка киргизип койойун. Анан...

- Эмне анан?

- Анан сен мени менен болсоң, эч качан жокту билбей бала-чакаңды багып кетесиң, налогуң дагы төгүлөт, - деп Туткуч ага карап жылмайып койду. - Сенин кадырыңа жеталбай бирөө менен ээрчип кеткен эриң менен ак жашап эмне таптың? - Кытмырлана столду айлана анын жанына келди. - Кана эмне дейсиң, сулуу келин?

- Эмне кылышым керек? - деп Урматкан мисирээ аны карап сынай сурады.

- Эх, эх-хе, дале эчтекеге түшүнгөн жоксуңбу? Куштарбектин никесин бузбай так өтөм деп жүрүп эчтекени көрбөй жашың өтүп баратат. Кичине бир түшүнсөң боло, канча жылдан бери сени көрүп, көзүм күйүп жүргөнүн кандай билбейсиң? Билсең, сени катыным менен жатып да ойлой берем.

- Кызык, койнуңда аялың жатса да башка аялды ойлогонуңду Атыр билип калса кантесиң?

- Ал менин ичимдегини кайдан билмек эле, бирдеме десе "чарчадым, жөн жатчы" деп койбой жаным жокпу? - - деп Туткуч карсылдай күлүп, Урматканды кучактамак болду эле, ал ойт берип ары жылды:

- Бирөө жарым көрүп калбасын, мен барайын, сен ошондой эле көзүң түшүп жатса, жасачуңду жаса, анан көрө жатаармын! - деди да, Урматкан кеңседен шаша чыгып кетти.

Туткуч аны терезеден карап сымбаттуу бой мүчөсүнө суктанып кала берди: "Демек көңүлү кош эмес, өзү деле үч жылдан бери эркек жытын сагынгандыр" деп ойлоп ошол эле күнү күүгүмдө анын үйүнө бир койдун этин, бир мүшөк буудай жеткиртип койду. Урматкан аларды көрүп ойлонуп калды: "Эми эмне кылам? Кокус Атыр билип калса төрт чачымды жулуп элге шерменде кылат. Тим кой, башка келгенин көрөөрмүн, эмнеси болсо да балдарымдын карды тойуп турса болду. Арамдан тамак таап бергеним болоор бекен. Андан башка аргам барбы кудай ай" деп мелтиреп көпкө отуруп, анан туруп этти бузду. Токту сайып плитасын күйгүздү да тамак жасаганга киришти. Балдары карды тойуп торсолоңдоп ойноп оңуп эле калышты. Аңгыча Курсант да тоодон келип калды, ага Ысмайыл бир аз эт-аш, сүзмө, май кылып берип унду үйдөн алып ал да кайра кел дептир. Үйбүлө кубанычтуу бапыраңдап күлкүлөрү чыгып калды. Андан эки күн өтпөй Азат келди, анын да үч айдан берки акысын берген экен, ого бетер сүйүнүп балдарынын кабагы ачылып торсоңдоп ойногонуна жетине албай: "Баары өтүп кетет, чоңойуп алышса эч кимдин көзүн карабай калабыз. Окубай калды… " деп улутунуп алды.

Эки-үч күн туруп Курсантбек менен Азатбек кайра кетишти, Урматкан жөжүрөгөн жумушка жарай элек үч баласы менен калып баштагыдан телегейи тегиз болгондой көөнү тынып калды. Эми эле жаткандай болгон, эшик тык-тык этип чертилди. Ойгонуп тыңшап калды. Дагы тыкылдады. Урматкан туруп босогого келип:

- Ким? - деди акырын. - Эмне керек?

- Урматкан, тез ача койчу, бол эрте, - деген Туткучтун үнүн таанып жүрөгү лакылдай: "Бирөө көрүп койсо эмне болот, кудай ай, бул эмне келди?" деп эшиктин илгичин өйдө кылды.

- Эмнеге келдиң, бирөө көрсө эмне болот? Кудайдан корксоң боло, балдарым менен зорго жашап жатканда.

- Урматкан, чоочубай эле койчу, эч ким билбейт, мындан кийин келбейм. Бүгүн болсо мен районго кеттим деп койгомун. Койчу эми, бүгүнкү түнү мага бир ырахат тартуулап, жанымды жыргатып койчу?! - деп кучактап кирди. - Жаным, жок дебечи!

- Азыр эшикти бекитейин, балдар ойгонот, акырын, - деп Урматкан аны өзүнөн алыс түртө босогого жетип эшигин бекитип анан, - сенин бул кылганың туура эмес, эшиктеш коңшу болсок уят эмеспи, - деди.

- Эч ким көрбөйт, бол эми жаталы! - - деп Туткуч сугалактана аны бекем кучактап өпкүлөп жатты.

Ал ошол түнү аны менен болду, Урматкандын көңүлү келбесе дагы аял катары анын каалоосун аткарды. Өзү курсагы салаңдаганы менен Туткуч төшөк жагынан бир топ тажрыйбалуу экенин билди. Урматкан, эки-үч жылдан бери эркек менен болмок тургай балдарынын камын көрүп, жоктун азабынан чүнчүп бараткан келин азыр төгөрөгү төп, телегейи тегиз адам сымал өзүн жеңил сезип турду. Аялзатын бир жокчулук, бир жалгыздык чөгөрөт, азыр негедир Урматкан баарынан камсыз болгон сымал таңга маал төшөктөн туруп эми эле кеткен эркектин кучагын эстеп, колу менен анын жаткан жерин сыйпалай: "Аттиң, чочкодой болсо да эркек эмеспи, жылуу кучагына имерип жаныңда жатса" деп ойлуу жылмайып алды.

Ошондон тартып ал кыйналууну жеңгендей бир аз тыңый түштү, ашкана бөлмөсүндө каптаган буудай турат. Кант-чайга кенелип, санаасы тына түштү. Эң кичүүсү Айзат жүгүрүп калган. Курсант он бештен өтүп, жигит курагына келип эс тарта баштаган. Катарынан чоңойуп жаткан төрт уулу, эң кенжеси Айзаты болуп бир чоң үйбүлө. Азат өтө тентегирээк. Ысмайылдын майда барат жумушун жасап жүрүп тажагандай болду. Ал турсун Ысмайылдын он төрттөгү өзү менен тең небереси Нуриланы жакшы көрүп ага көп тийишет, ал дагы биротоло ага көнүп, дайыма аны менен ойноп калат. Бир жолу ал экөө ойноп жатып жумушун унутуп калган экен, Ысмайылдын аялы Туйгун ага ачууланып жатты:

- Безери бала экенсиң го, кылган ишиңдин эч майнабы чыкпайт, анан акыңды алганы келгенде такылдайсың, сарайларды тазала, мал келгиче ирээттеп кой десе…

- Эне, жасап эле жатпайынбы, азыраак эле эс алып калдым, - деп Азат башын жерге сала туруп калды.

- Чоң эне, Азатты неге уруша бересиз, ал жакшы бала го, кечке жумуш жасап жаны тынбайт, - деп Нурила Туйгундун колунан кармай силкилдетти. - Урушпаңызчы аны?

- Ой сербейген арам, эмне эле ага жан тартып калдың?

- Жөн эле, Азатты урушпаңызчы?! - - деп Нурила ыйлап ийгенде Туйгун небересине таң калып, аны соорото үйүнө кирди. - Тентегим десе, аны эмне кыласың, ал безери, шайтан байырлаган үйдүн тукуму, биздин үйдүн куттуу босогосун аттатпай койойун десем Ысмайыл болбой жатпайбы?

Муну уккан Азат Туйгунду жек көрүп кетти: "Эмнеге бизди шайтан байырлаган үйдүн тукуму дейт? Атам жакшы болсо бизди ушинтип көрүнгөндүн жаман сөзүн угузмак эмес" деп колундагы шыпыргысын ыргытып жиберип үйүнө жөнөдү. Анын кабагы бүркөлүп келгенин көргөн Урматкан:

- Эмне болду, уулум? - деп үрпөйө карады.

- Эчтеке болгон жок, мен Ысмайылдын үйүнө мындан кийин барбайм!

- Эмнеге?

- Жөн эле, барбайм дедим барбайм!

- Мунуң болбойт уулум, дагы бир-эки жыл жүрө тур, анан Курсант акең чоңойуп калат. Анан сен да бойго жетесиң, баары жайында болот, уулум, - деп Урматкан уулун бооруна кысып көзүнүн жашын куйулта үнсүз көпкө турду. - Сен эстүү болуп чоңойсоң мени чогулуп багасыңар…

- Эмнеге Туйгун эне бизди шайтан аралаган үй дейт?

- Эмне дейсиң?

- Ошол Туйгун эне ошентип айтпадыбы?

- Мейли балам, айтса айта берсин, биздин эч кандай айыбыбыз жок, өздөрү күнөөкөр боло берсин, - деди Урматкан жай түшүндүрө, - биздин максатыбыз кыйынчылыктан чыгуу, инилериң менен карындаштарыңды чоңойтуу, уулум…

- Түшүндүм апа, мен эми Ысмайылдын үйүнө барбайм, башка жумуш издейм, - деп Азат чоң кишидей апасына карады. - Инилеримди, карындашымды Курсантбек акем экөөлөп, сизге жардам берип багабыз?

- Ошент, садага болойун десе, - деп башынан сылап өөп койду эне, анын сай сөөгү сыздап жүрөгү ооруп турду. - Кел эми, кардыңды тойгузуп ал.

- Апа, кечээ Дайырбекке жолугуп, мени "кезүү кайтарып бер, күздө бир козу берем" деген, ошого барайынбы?

- Өзүң бил, уулум, ал алдабас бекен?

- Эмнеге алдайт, эгер алдай турган болсо бир козусун өзүм көтөрүп баса берем!

- Кой балам, - деп Урматкан уулуна ойлуу карап, - сен улуу кишини сыйлаган адептүү бала бол, айткан болсо барып көр, - деди.

Азат апасын аяп, ини-карындаштарын карап койуп каадалуу ордунан турду да:

- Мен барайын апа, ал болбосо дагы бөлөк жумуш табам, - деп үйдөн чыкты.

Алтымыш тамыры зыркыраган Урматкан үнсүз отуруп калды: "Балдарым балалыгын балдардай ойноп күлүп өткөрө албады, жаштайынан түйшүк тартып бирөөнүн ишин жасап бой тартып баратат, убалыңар Куштарбек менен Айшаканга жетсин" деп ойлонуп отура берди.

Азат өйдөңкү көчөдөгү Дайырдын үйүнө барды, ал чындап эле кой кайтарганга бала издеп жаткан. Азатты көрөөрү менен бакылдап кирди:

- Ой аз-замат десе, келдиңби ыя?

- Келдим аке…

- Келсең мындай отур, эртеңден тартып элүү койду жалгыз кайтарасың, бир айга бир козу берем. Үч ай кайтарсаң үч козу аласың.

- Дайырбек аке, сиз мени бала деп алдабайсызбы? - деп Азат аны тике карады. - Сиз мени алдабай акымды төлөсөңүз койуңузду жакшы кайтарам, бир чыгаша кылбайм!

- Азамат десе, мени бирөө сага алдамчы деди беле? - деп Дайырбек балага кунт койо карап калды.

- Жок, мен али жашмын, сиз мени баласынтабы деген ой да?

- Эй бала, бул акыл-ой өзүңдөн чыктыбы же бирөө үйрөтүп жибердиби? - - деп Дайырбек аны ормойо карады.

- Өзүм эле ойлоп жатам аке. Мага ким үйрөтмөк эле, апам болсо бизди зорго багып жатса…

- Эгерде өз сөзүң болсо мен сенин акылдуулугуң үчүн дагы бир кап буудай кошуп берем, келе колуңду! - деп колун сунду эле, Азат дароо кол берди:

- Чынбы?

- Чын, азыр буудайды алпарып бер. Мен жүктөп берем, кечинде козуну жеткирип берем, анан эртеңден баштап ишке киришесиң, сүйлөштүкпү?

- Сүйлөштүк, аке! - Азат кубанычтуу такылдап ага култуңдай карады.

Дайыр кол арабасына буудайды салып берди эле, күпүлдөй сүйрөп үйүнө келди. Аны көргөн Урматкан андан сурамжылап баарын укканда ыйлап жиберди:

- Каралдыларым менин, ушул күндөр да өтөөр, адептүү, акыл-эстүү болуп чоңойсоңор менин көксөгөнүм аткарылып, көөнүм жайланып калат эле…

- Апа, капалана бербеңиз, кечинде козуну алып келем, Сейит аны карап турсун, багып кой кылабыз.

- Тилегиңден кагылайыным десе, карап-бакпай анан, Сейит менен Данат эле кайтарып турат.

Азат кечинде барып козуну алып келди, эрте туулган кара күрпөң козу экен. Эшигине козу байлаганга Урматкан кыйын сүйүндү: "Уулумдун бармак алды мээнети, бир жыл кайтарса он эки козуга иштейт экен. Буудайычы, ал өзүнчө акча эмеспи. Ээ кудай ушунуңа миң мертебе шүгүр, жетим жетилет деген ушу да" деп ойлоп эмеле өзүн чакырып келген баланы эстеди. Аны баягы Кайыргүлдүн баласы чакырып келген, эртең анын кийизине түр салып бермек: "Буйурса ал дагы кур койбос, жүн берсе жүн алам, чогултуп кийиз кылам" деп кубанып алды.

Баягыдан кийин Туткуч анда-санда келип кетет, билгизбей буудай менен унду түшүртүп кетет. Карды тойуп мурункудай бир сындырым нанга зар болбой калган.

Ошол күнү кызуу болуп, Туткуч түн ортосунда эшигин такылдатты. Урматкан унчукпай ачып анын мас экенин байкагандан кийин кетирмек болуп урушуп жатканда аңдып тургандай Атыр келип калды:

- Кылгылыкты кылып койуп анан эми кылганын кара, эмнеге эле эчтеке сурабай калды десе ойношуңа сен ун берип кардын тойгузуп жаткан экенсиң да? - деп Туткучка айкырды.

- Атыр, эри жок болсо эле ушинте бергениңер кантип болсун, мени шылдыңдагысы келген эриңе кошулбай алып кет азыр!

- Ии-йи да, апапакмын дечи, түшүнүп турам эшигиңе козу байланып. Кап-кап буудай келип калганын кантип танасың ыя?

- Ал менин балдарымдын эмгеги, ишенбесең Дайырдан сурап кел!

- Мен сендей жалаптын кайсы амалын билмек элем! - деп Урматканды жулмаламак болду эле мас болсо да Туткуч эсине келе:

- Тарт колуңду, энеңди урайын, анда эч кандай күнөө жок, менде күнөө, уктуңбу, менде! - деп төшүн койгулады да Атырды түртүп чыгарып кетти.

- Көрсөтөм сага. Сени ушул үйгө бастырбай турган болбосом Атыр деген атым өчсүн, даам урган жалап!

- Күнөөмдү көтөрө бер, балдарымдын таап келгенин да көрө албай калдыңбы? - деп Урматкан да тилин тартпай кала берди.

Ошол бойдон Атыр Урматканды ар кимге ушактап жүрдү. Туткуч аны сүйлөтпөй койгон менен анын көзү бурулса эле эшигинин алдына чыгып алып: "Салындылар кыйын болот, карды тойуп калса кудайды да көзүнө илбей тузуңа түкүрөт" деп сүйлөшүп турган аял болобу, эркек болобу, Урматканды уксун дегендей сүйлөнө берет. Бир күнү Дайырдын аялына барып бир сөздөрдү айткан экен, таң заарда эшик такылдап калды. Чыга калса Урматкан эзели көрбөгөн, өзүнөн беш-алты жашка кичүү келин туруптур:

- Кел. Келгиле, ким керек эле? - деп Урматкан таңгала аны карап калганда ал тайсалдай минтти:

- Сиз Азаттын апасы болосузбу?

- Ооба. Ага бирдеме болдубу?

- Жо-ок, менин келгеним… балаңызды койчу кылып шылтоо кылып күйөөм менен соо эмес экенсиз…

- Эмне дедиң, ким айтып жүрөт? - деп Урматкан аны элейе тиктеп калды. - Эмне, мен сенин күйөөңдү…

- Ооба, сиздин үйүңүзгө түндөп келет имиш…

- Ким айтты? Адегенде күйөөңдү тааныймынбы ошону айтчы. Күйөөң ким, каерде жашайт? - Кайраттана калды, - сиңдим, сен жаш экенсиң, бирөөлөрдүн айтканына ишенбей жүр. Кир, үйгө кир, - деди эшигин ача, ал кирип отургандан кийин кырка уктап жаткан балдарын көрсөтүп, болгонун айтып берди. - Эримди бирөө азгырып артына кайткыс кылып алып кеткен, мен башка бирөөнүн балдарынын көз жашын агызып, өзүм көргөндү дагы бирөөнүн көрүшүн каалабайм.

- Билбейм, бирөөлөр айтты, "мурда суранып эле жүрчү, эми карды тойуп калды окшойт, тынчып калды, сенин күйөөң козуну соо берген жок" деди…

- Ээ кудай, чагымчыларга арга жок экен го. Мен эчтеке билбейм, уулум эле бир күнү кубанып жетип келди, мына эми ойготуп жөнөтөм, ушу кабыргасы ката элек балдарымдын жашынан түйшүк тартып калганына капамын…

- Кайгырбаңыз эже, мени кечириңиз…

- Эчтеке эмес, кыскасы биз бири-бирибизди түшүнүштүк… - деп Урматкан үшкүрүнө аны караганда ал ордунан туруп жөнөмөк болду:

- Мен сизди башкача ойлогон элем, демек мени уят кылдыңыз, жакшы калыңыз! - деп чыгып кетти.

Урматкан унчукпай отуруп кала берди: "Мунун баарын ошол Атыр эле кылды. Акылы жок аял экен, ушунчалыкка барбай койсо болмок. Эри го мейли, башка бирөөнү тукурганын кара" деп телмирип, адам баласынын пейилинин тардыгына жүрөгү ооруп турду, көңүлү ирээнжиди. Адам түспөлүндөгү адамдарга нааразы болуп наалат айтып турду ичтен: "Койну кенен кең дүйнөдө ушундай пенделериңе тең болгон жаратканым ай, неге ушундай ичи арам, куйтуларды койнуңа катып турасың, алар бирөөнүн жакшы жашоосун көрө алышпай бузуп-жарышат, жерде калтыргылары, артынан күлүп тургулары келишет" деп ойлонуп отурганда Айзат ойгонуп жанына келди:

- Апа, чай ичем…

- Чай ичкениңден садага сенин. Барып бетиңди жууп келе койчу кызым, аңгыча акеңдер туруп калышат, чогуу чай ичебиз… - деп томпоңдоп жүгүрүп чыгып кеткен кызынын артынан кубанычтуу жылмая карап ордунан турду да балдарын тургузду, - Азат, тур уулум, кечигип каласың, кой короодон чыга турган болуп калды, тура кой, балам.

- Саат канча болду, апа? - Азат тура калып көзүн ушалай сурады.

- Жети жарым болуп калды, кардыңды тойгуз да жөнө уулум.

Азат туруп кийинди, бети-колун жууп келип, апасы алдына койгон тамакты шашыла ичип алып жөнөдү.

- Этиет бол, уулум. Койду жоготуп алба!

Урматкан анын артынан кыйкырып кала берди. Сейит менен Данат ойгонуп, Урматкан үч баласына эртең мененки чайын берип койуп, анан Кайыргүлдүн үйүнө жөнөдү. Ал келгенде беш-алты аял жүн созуп жаткан экен.

- Мына Урматкан да келип калды, азыр күн узун, эки кийизди жасаганга жетишебиз, - деген Кайыргүл аны жылмая карап жылуу жүз менен тосуп алды.

Ал шымаланып чий үстүндөгү жүндүн үстүнө аярлай отура калды да шыпылдата түр салганга киришти. Анын кооз шырдактын ойуусун түшүрүп жатканын көрүп, шыпшынып өздөрүнчө сүйлөшүп жаткан аялдардын сөзүнө кулак салбады, арыдан бери бүтүп койуп ичин толтурмак болгондо ага бири:

- Сен эми тигинин түрүн сала бер, биз муну толтура берели, - дегенде Урматкан ары жакты карап таңкалды, көрсө аякта дагы чийди жүндү үзүп түр сала турган кылып даярдап койушуптур.

Ошентип кечке Кайыргүлдүн кийизин жасашып кечинде келди, балдары кургак нандан жеп ойноп жүрүшүптүр. Өзүн көрүп жүгүрүп келип тегеректеп калышты, Урматкан үйрүлө түшүп балдарын бетинен өөп, үйгө алып кирди. Кайыргүл ага эки жилик эт, сүзмө, май, бир койдун жүнүн берген. Кубана үйүнө кирип, чай койуп, балдарынын кечки курсагына тамак жасаганга киришти. Өзүнчө кубанычтуу кыңылдап жүрдү, көңүлү жайдары: "Кудайдын кулагы сүйүнсүн, мурда эле өзүмдүн колумдан келгенин билдирсем болмок экен, неге тартынып жүрдүм? Буйурса Айнакандын шырдагын ойуп бүтүрүп берсем улак алам, анан ирденип калабыз, балдарым да чоңойот" деп сүйүнүчтүү ырдап койот: "Бул тагдыр мага дагы, сага дагы, тартуулап маңдайыңда күйөт шамы, бир күнү азап чегип кыйналсаң да, бир күнү жакшылыктын атат таңы" деп…

Урматкандын үйүнө кийиздерин алып келип кээси өздөрү ойдуруп кетсе, кээси таштап койуп толугу менен бүткөнчө убадалашып кетет. Мындайда алар өздөрү эле баасын бычып, бир улак же бир козу берем дейт да эт май, сүзмөлөрүн жеткирип турчу болду. Жыл бойу ошентип жети шырдакты бүтүрүп беш улак, эки козу колуна тийди. Азат менен Курсанттын тапканы кошулуп "өлбөгөнгө кулга жаз келет" дегендей бир топ ирденип алышты.

Урматкан өзүнө эки кыз, эки келинди алып бир бөлмөсүнө атайын шырдак жасаганга киришти. Эки жагы тозулбаган үйүн короолоп, мал короо салып, ага он чакты козу-улактарын киргизип алышты. Айылдын эли чогулуп келип ага кайрылчу болду.

- Урматкан, менин кызымды жаныңа алып өнөрүңдү үйрөт. Окуганда эмне, кыргыздын буйумун жасап узчулук кылуу чоң өнөр, - деп бир коңшусу атайын келиптир.

- Туура кыласың, шаарга барып же иш жок, же жашаганга жери жок жүргөнчө бирдемени үйрөнүп алат, келе берсин! - деп Урматкан кичипейилдик менен аларды кабыл алды.

- Кудай жалгасын, сени болбой койор бекен дедим эле, - деп Ашыркүл кайсалактай аны карады. - Өзү өтө кызыгат.

Урматкан:

- Мейли, кызыкса билгенимди үйрөтөм эже, кабатыр болбоңуз, - деп жөнөттү.

Бара-бара анын үйү өзүнчө эле фабрикага айлангандай машиналары да шакылдап иштей баштады. Үч бөлмөсүнүн биринде кийиз иштеткендер шырдакты бири ойуп берсе, экөө-үчөө жөрмөп, дагы экөө басып, биринде кийим тиккендер үч машина менен керээли кечке шарактап иштеп жатышат. Азыр Урматкан алардын үстүнөн гана көргөзүп берип, башкарып ондон ашык кыз-келинди иштетип калды. Балдары баягыдай жалданып иштебей биринин артынан бири чоңойуп, улуусу кичүүсүн жөлөк кылып алып, үйүнүн жанына келиштирип дубал уруп жатышты. Эң кичүүсү Данатбек менен Айзатты мектепке окутуп, жашоолору оңолуп калган.

Курсант жыйырмага чыгып, жоктун зарын тартып өскөнгө ар бир иште кылдат, чоң кишидей ой жүгүртүп, бир жылда үйдүн дубалын бүтүп, үстүн ашар менен жаап койушту. Урматкан аларды жөлөк кылып керектүүсүн алып берип, бара-бара шаардан тикме машина алып келип көбөйтүп, рулон материалдарды ташып, иши алга жүрүп кеткенине кубанып, өткөн күндөрү өзү үчүн болгону жомок сыяктуу сезилип баратты. Анын минтип элдин алды болуп баратканына Атыр ичи күйүп, бир эсе өзүнүн кылганына өкүнүп калчу болду.

Ошол күнү дагы кыздарга кийим тигүүнү заказ кылып, Урматкан өзү тамдын кем карчына жөнөгөнү жаткан. Курбу болуп мамиле кылып жүргөн Гүлай ага келип:

- Урматкан, сенин күйөөң бир айдай ооруп жаткан имиш, - деди.

- Ооруса бизден да артык көргөн аялы бар го?

- Жо-ок, Урматкан. Анысы карабай кетиптир! - деди ал акырын. - Ошол баш үйрүтмө жасатып койгон экен, жазылбай турган болуптур.

- Эмнеге ошончо жасатып алып таштап кетет? Андай болушу мүмкүн эмес, - деп Урматкан күйөөсүнүн кетээрдеги айткан сөзүн эстөөгө үлгүрдү: "Куштар, экөөбүз сүйлөшүп, сүйүшүп баш коштук эле, беш бала турат, сен жаңылып жаткан жоксуңбу?"- десе: "Мен сага үйлөнгөндө жаңылыпмын, беш баланы бетиңе кармаба, мен аны сүйөм, кармаба колумду!" - деп колун силке басып кеткени көз алдына тартыла селт этип алды. - Эми аны уккум да келбейт, Гүлай. Мен үчүн, балдарым үчүн ал эбак эле өлгөн! - деп басып кетти.

Бирок жандүйнөсү дүрбөлөңгө түшүп, анын аял алдында бечара болуп калганын угуп, жүрөгү түпөйүлдөнүп туруп алды. Ошол жылы заңгыратып үйүн да бүтүрүп, эски үйүн ишкана кылып тим койду. Болгону аны актап, тазалап койушту. Кеч күздө алты бөлмө үйүнө көчүп кирип чакан той берди. Өзүнүн колунда иштеген Айдай деген кызды Курсантка алып берип, эки тойду бир өткөрдү.

Көргөн-уккан эл Урматкандын аял болуп туруп эрктүүлүгүнө таң калып, узун сабак кеп кылып суктанып жатышты. Анын ойунан Гүлайдын айтканы кетпей туруп алган менен көңүлү калып жүрөгү муздап калгандыктан: "Өз убалы өзүнө, тырмактай балдарым менен көз жашымды көлдөтүп ыйлап жалынганыма караган эмес. Өжөрлүгүмдөн адам катарына кошулдум, балдарым жоктун азабынан жалданып, жашынан нан тапканды үйрөндү, эми эмне болсо ошол болсун" деп ойлоп, өз ишине киришти. Азаты он тогузга чыгып керилген жигит. Сейит да он жетиге чыгып калган, Данат менен Айзат мектепте.

- Апа, атам түшүмө кирди, - деди бир күнү Азат апасына суроолуу карап.

- Кирсе киргендир, уулум. Атаңар экени ырас эмеспи.

- Түшүмдө ал биз менен тамак ичип жатыптыр. Аябай жүдөп калган экен. - деп Азат ойлуу кабак бүркөй айтып жатты муну. - Чогуу отурган экенбиз, апа, бул эмнеси?

- Түшкө эмнелер кирбейт, уулум. Атаң бизден эбак кеткен, өзүң аны ойлонуп койсоң керек?

- Жок, ойлогон деле эмесмин, апа. Андан да кызыгы, атам аябай арыктап калыптыр…

- Болду, ишиңди кыл, балам, кайдагы жомокту божурабай.

Урматкан ошенткен менен өзүнчө ойго батты: "Биз менен чогуу чай ичсе демек келет го. Кантип, кайсы бети менен келет? Ушунча кыйынчылык менен балдарды чоңойттум. Уялбай кирип келеби?" деп санаага түшүп калды.

****

Адилет өзүн канчалык алаксытып окууну гана ойлойм деген менен өзүн башкаралбай баратты. Акыры кышкы сессияда таята-таенесине барып болгонун болгондой айтууну ойлоп айылга жөнөдү. Бул кезде Канатбек аял алып айылдагы үйүндө жашап калган. Адилет Эстебестин үйүнө кабагына кар жаап кирип келгенде эле тигилер эмне болгонун айттырбай билишти. Анткени Бермет Айтурганды көргөнү барганда айткан болчу.

- Кел айланайын, эмне болду, окууңдан бирдеме болдубу? - деп Бермет дасторкон жайып жүрүп сурады.

- Баланы көп суракка албай жайына кой, чай-пай ичип алсын, - деп Эстебес кемпирине үңүрөйө карап койду.

- Таята! - деди Адилет алдына койгон чайга карабай, - мен сиздерге кеңешкени келдим…

- Эмнени, уулум?

- Мен Айтурганды сүйөм! - деп жер карап жооп күтүп калды.

- Анан?

- Айшакан таежем мени ага жолуктурбай жатат!

- Ошондой де… - деп Эстебес эмне дээрин билбей сакал мурутун сылай көпкө ойлуу отуруп анан Адилетти карады. - Адилет, уулум, сен Айтургандын оорулуу экенин билесиң да?

- Билем таята, баары бир мен ансыз бир мүнөт да жашай албайм, эгер сиз жардам бербесеңиз, мен аны таптакыр эч ким таппай турган жакка алып кетип калам!

- Токтой турчу, кагылайын, өзүңдү басып бирдеме ичип алчы? - деп Бермет ага суусундук жармадан куйуп сунду, - өзүң дагы чарчап келгендирсиң, ичип алчы.

- Мен Айтурганды көрмөйүнчө жаным жай алып эс алалбайм! - деп Адилет сунган жарманы алып жутуп идишти дасторконго койуп, экөөнү жал-жал карап чөгөөлөп отуруп алып ыйлап кирди: - Эгер мага боор ооруп жардам берчү адам болбосо мен өз тагдырымды өзүм чечем! - деди да ордунан туруп баратканда Эстебес аны карысынан кармай калды.

- Токто, балам, өзүңдү кармап мен айтканды угуп тур. Эртең Айшакан Айтурганды биерге алып келет, анын да абалы сеникинен жакшы эмес. Сен таң атканда тоого чыгып эки бакты көрүп басып кел, үйгө кеч кел. Айтурганды калтырып таежең өзү кетет, анан өзүбүз сүйлөшөбүз, макулбу?

- Макул таята, макул! - - деп Адилет кубанып кетти, - Айтруганды көрсөм эле болду, эмне десеңиз да даярмын!

- Олда-а айланайындар ай, азыркы жаштардын күйөм-сүйөм дегенине дегеле түшүнө албайм, - деп Бермет наалып калды. - Айтурган деле энесинин жанын койбой "Адилетсиз өлүп калам" деп жатат, экөөнү кошуп койбосо бири өлүп, бири калабы дейм. Ал кыз мени түшүнбөй да койду, жанагы эри аны ого бетер көкүтүп жатпайбы?

- Ошого ишенген кызың курусун, - деп Эстебес күңк этип койду. - Анын кандай иши бар экен, Айтурганда акысы деле жок го?

- Күйүмдүү болуп атпайбы. "Анын апасы каргышка калган, демек кызың андан жыргабайт" дептир, экөө урушуп калышкан го?

- Балдары турат, эми андан чыгып эмне кылат, андан көрө алдап жашай берсин да.

- Кирише берет тура… Бермет менен Эстебестин сөзүн угуп отурган Адилет унчукпады, анын эңсегени Айтурган көзүнө көрүнүшүн каалап кулагы керең, көзү көр немедей отура берди…

Эртеси Адилет эртелеп айылдын четине басып кетти. Айшакан түшкө жакын машина менен келип Айтурганды таштап койуп бат эле кетти, кетип баратып апасына:

- Апа, Куштарбек экөөбүз урушуп калдык, ал өпкөсүнөн ооруп калыптыр, айыкпайт экен, ракка айланыптыр. Аялы менен балдары менден көрбөсүн деп кет дедим, - дегенде Бермет ага ачуулана кетти:

- Сен акылсыз кыз, денсоолугу барында эр кылып, ооруп калганда жер кылып кетирем дегениң эмнең?

- Апа, анан эмне кылышым керек?

- Кетирбе, эки уулуң турат го, балаң болбосо да бир жөн эле, эми өмүрүнүн акырына чейин кара!

- Кызыксың апа, мени: "баш үйрүтүп алгансың, балдарымдан ажыраткан сенсиң" деп атпайбы?

- Өзүң бирдеме дегендирсиң?

- Мен эчтеке деген эмесмин, - деп Айшакан апасына таарына басып кете берди.

Айтурган апасы кеткенден кийин таенесине болгонун болгондой айтып берди. Көрсө мындай болуптур.

Айшакан эжеси Таалайкандын кыркына келгенде Айтурганды үйүнө алып барып окуусуна кийим-кече алып бермек болот. Базардан кийим-кече алып берип, анан айылга жөнөтмөк болуп жатканда бир достору конокко чакырып, аерден кызуу кайткан Куштарбек Айшакан уктап калганда кызы жаткан бөлмөгө акырын басып кирип аны басып калганда Айтурган өкүрүп-бакырып кирет. Оозун басып эми зордуктаарда Айшакан кирип, аны үстүнөн тартып алып кууп чыгат. Айтургандын кармабай жүргөн жүрөгү кармап, түндөп аны тез жардам менен ооруканага жаткырышат.

Куштарбек аялынан өлүп-талып кечирим сурап жалынып-жалбарып кайра көңүлүн таап жашап калат.

- Мастык да. Болбосо кантип өз баламдай жакшы көргөн кызыма кол салат элем, кечирип кой жаным, менин балдарым турбайбы?

- Сенин ичиң арам, болбосо мас болсоң да ошого бармак эмессиң. Ушундайда кетип кал, көргүм келбейт сени, кызымды сен ооруттуң!

- Жо-ок алтыным, эки балам үчүн кечир? - деп кечирим сурап кетпей койгон экен.

Буларды уккан Бермет күйөө баласына жинденип каргап киргенде Эстебес кирип келип, унчукпай калды. Ошол убакта Адилет да келип, Айтурган ордунан тура калып:

- Адилет! - деп бакырып барып кучактап калды.

- Айтурган! - деп Адилеттин да үнү бөлмөнү жаңыртып жиберди.

Экөө кучакташып калганда таене менен таята турган ордунда катып туруп калышты:

- Адилет, мен сени көрө албайм го деп калдым эле…

- Мен дагы, Айтурган, мен сага айттым эле го, "экөөбүздү эч ким бөлө албайт, өлүм гана бөлүшү мүмкүн" деп!

- Эми мен сенден карыш бөлүнбөй, өлгөнчө жаныңда болом!

- Биз таптакыр башка жакка кетебиз, Айтурган! - деп эки жаш бири-бирин кыса кучактап туруп сүйлөшүп жатканда Эстебес эки жээнин эки жакка бөлүп, мээримдүү жылмая минтти:

- Силерди ким бөлөт экен, жамандар? Мына биз силерди керек болсо эч жакка кетирбей кошуп койууга алыбыз жетет. Ким экен мындай сүйүүгө каршылык кылып экөөңдү ыйлата турган? Отургула мындай, - деп аларды отургузду. Бермет чалынын сөзүнө башын ийкегилей "туура" дегенсип ыйлап отура берди. - Эми мындай, балдарым, - деп Эстебес экөөнү алмак-салмак карап, - Адилет, сен Айтурганды кыйнаба, оорулууну билесиң, балам. Бул быйыл окуп бүтсүн, сен окууңа бара бер, буйурса эмки күздө экөөңөрдү биз өзүбүз үйлөнтөбүз! - деди эле, Адилет ишене албай:

- Таята, мени алдап жатасыз го, мен кетсем таежем келип алып кетип калсачы? - деп ийди.

- Айланайын десе, силерди алдап үмүтүңөрдү өчүргөнгө таятаң экөөбүздүн кантип дитибиз барат? Ишен кагылайын, мына аз калбадыбы, мектебин бүтөөрүнө, - деп Бермет Адилетти кучактап өөп койду. - Бизге ишенип кой садага, экөөң тең бизге бирдей элесиңер!

- Ыраазымын тайне, таята. Айтургандан бөлүп койбосоңор эле болду, - деп жылмайып алды Адилет.

- Айбандарым десе, силерди ыйлатканда эмне табабыз? Биз силерди бактылуу болсо деп гана ойлойбуз. Андан көрө Айтургандын кеселин сакайып кетишин ойлойлу, балам. Доктурдун айтканын аткарыш керек, окуусун бүткүчө жакшылап карашыбыз керек, дарылаталы. Аңгыча чоңойуп калса анан…

- Мен жакшы эле болуп калдым таене, доктур айта бербейби? - деп Айтурган таенесине таарынгандай бултуйду. - Силер апам келгенде мени алып кетем десе жибербегилечи?

- Тентегим десе, сен окуп жатканда ал эмнеге алып кетмек эле? - деп Бермет күлүп калды.

- Жакшы болуп калдың да ээ, Айтурган, өзүңдү жакшы сезип калдыңбы? - деп Адилет кызды үйрүлө калып сураганда кемпир-чал өздөрүнчө жылмайып алып унчукпай калды.

- Мен жакшы болуп калдым, сопсонун эле сезип турам, - деп Айтурган күлүп эркелеп алды. - Сен эми шаарга качан кетесиң?

- Мен сенин жаныңда он күн турам, анан кетем, ошол бойдон жазында келем.

- Жазында акыркы коңгуроого келесиңби?

- Сөзсүз келем, сөзсүз келип жомоктогудай заматта пайда болуп заматта жоголом! - - деп Адилет Айтургандын мурдунан чымчып койду. - Баса Айтурган, папашаң эмне кылып жатат? - деп Адилет кызды караганда, анын өңү өзгөрө түштү:

- Аны мага угузбачы Адилет, ошону уккум келбейт… - дегенде Бермет Айтурганды карап, "унчукпа" дегендей башын чайкап койду. - Ал кеткен… - деп Айтурган акырын гана улутунуп койду.

Экөөнүн бири-бирине болгон мамилесин байкап отурган Эстебес менен Бермет ичтеринен сызып ымдаша сыртка чыгып кетишти. Неберелерине арнап семиз улагын сойуп, бир жагы Айтургандын ооруканадан келгенине түлөө кылмакка кеңешип, чоң үйдөгү уул-келинине кирди, алар жата элек болчу.

- Ата, апа, силерге эмне болду, караңгыда жөн-жай элеби? - деп Болотбек чоочулай сурады.

- Кабатыр болбогула, балдар. Жөн-жай эле кеңешели деп келдик. Адилет менен Айтурган экөө келген, эртең түлөө өткөрөлү, эртерээк Базаркан экөөңөр барып калгыла, - деп Эстебес отурбай эле бабырап кирди.

- Ата келгиле, өйдө өтүп чай ичкиле, - деп Базаркан ызаат кыла төргө төшөк салып ийменип кол жаңсады. - Отуруңуздар.

- Алда-а айланайын балам ай, жети түндө убараланбай эле койсоң боло, тиги үй менен бул үйдүн арасы кайсы? - деп Бермет өтүп отуруп калды. - Кел эми чал, чай ичсе ичели, - деп күлүп койду.

- Макул кемпир, эми тамак берсек болот эле тиги тентектерге, - деп Эстебес отуруп жатып кемпирине карады.

- Базаркүл, түшкү тамагыңан калды беле, балам, Адилеттер эчтеке ичелек.

- Бар, апа, мен өзүм ысытып алпарып берем!

- Ошент садага, карды ачып калбасын, экөө келгенден бери бабырашып сүйлөшүп отуруп чай дагы бере элекмин. Көптөн бери көрбөгөнгө сагынып калыптырбыз, отура бериптирбиз атаң экөөбүз алар менен бабырашып.

Уул-келини күндүзү үйдө эмес, ошондуктан алар эртең менен, кечинде гана кирип чыгып амандык сурашып турчу. Неберелери кечке чоң ата, чоң энеси менен. Алар бир чыныдан чай ичип отуруп калышты.

Адилет Айтурганды колтугуна кысып алып:

- Айтурган, сени жоготуп алып таптакыр жолукпай каламбы деп корктум, эмнеге таежем мени жаман көрүп жатат? Айтчы деги, мен ага эмнеге жакпайм, балким сени мага ыраа көрбөй жаткан чыгаар, тең эместирмин сага? - деп ойлуу айтты.

- Адилет, апамды деле түшүнчү, аны жанагы папаша бузуп жатат.

- Эмнеге, анын кандай тиешеси бар?

- Ошол, "анын үйбүлөсү каргышка калган, атасы дагы жолу болбойт турмуштан, өз энесин каргаган немелер жакшылык күтпө" деп күндө кулак мээсин жеп туруп алды.

- Ага мен көрсөтөм, жыга чаап салам! - деп Адилет муштумун түйө ордунан тура калды.

- А сен аны өлтүрүп койсоң мени көрбөй каласың, балким сен келгиче… -Айтурган көзүнүн жашы кылгыра муңканып жиберди. - Киши өлтүрүп алып ээн-эркин жүрөм деп ойлоп жатасыңбы?

- Койчу Айтурган, ыйлабачы жаным, жөн гана ачуум келгенинен айта койбодумбу. Кара, карасаң мынабу колдорумду, - деп Айтурганды алаксытмакка колдорун алга карай сунду. - Бул колдорум менен адам эмес тоок сойуп көрө элекмин, анан элестет киши өлтүргөнүмдү.

- Ачуу деген жаман, Адилет. Ачуусу келген адамдын колунан бардык нерсени күтсө болот, - деп Айтурган жанына отурган Адилеттин ийнине башын жөлөп бир колун ийнине койуп, - билсең мен сенин жаныңдан карыш чыккым жок, бирок оорум өтө коркунучтуу, турмушка чыкпай, балалуу болбой өмүр бойу кантип жашамак элем?

- Эч кабатыр болбо, Айтурган, мен окуумду бүтүп алсам сени Америкага алпарып операция жасатам, анан баары жакшы болот, уктуңбу?

- Баса, бир кыз Америкага операцияга кетти эле, сен шаарга барганда телефон чалып көрчү, эмне болду экен, - деп Айтурган сумкасынан Сабинанын телефон номерин алып Адилетке сунду. - Эгер өзү алса менден салам айт, макулбу? - деп Айтурган күлө караганда көздөрү муңайым тарта өзүнүн келечегинен кабатыр болгондой, ал турсун жашоодон үмүтүн таптакыр эле үзүп койгондой сезип кетти Адилет. Бооруна анын кагаз кармаган колдорун бекем кысып көпкө отурду. Качан гана кобурашкан Эстебестердин үнү угулганда араларын ачып отуруп калышты. Алар тамак көтөрүп келип дасторкон жайды. Бермет улам экөөнү карап койот, алар болсо эч нерсе болбогондой зымыраят. Кайра туруп Берметтин күлкүсү келди: "Садага болойун тентектер аа-а, буларга сүйүүнү эмне кереги бар деги? Экөө тең балдыркандай ката элек жапжаш, жашоонун ысык-суугу, азап-жыргалы, ачуу-таттуусу менен иши жок наристелер да" деп ичинен купуя ойлонуп отуруп аларды:

- Алсаңар балдарым, кеч болуп калды, биз силерди ачка кылып койдук окшойт? - деди.

- Ачка деле болгон жокпуз, - деп Адилет Айтурганды карап жылмайып койду.

Ал таене-таятасын карап күлүп калды.

Адилет менен Айтурган он күндөй бирге болушту. Кыш өз өкүмүн жүргүзүп кычырап турган убагы болгондуктан үйдө отуруп алып сүйлөшүп, бири-бирине убада берип жатышты. Эстебес малын карап короодо сыртта. Бермет казан-аягы менен алек, Адилет таятасына жардам берген болот. Аны ал:

- Сен эс ала бер, жакында кетесиң, андан көрө атаңа жолугуп келсең боло, - деди бир күнү.

- Чын эле таята, барса барып келейин, - деп Адилет кийинип алып чыгып кетти.

Ал келгенде Канатбек үйдө жок эле. Кирип келип эле өзүнө чоочун аялды көрө салам айтып ийди:

- Саламатсызбы?

- Саламат, сен кимсиң!

- Мен… Мен Канатбектин…

- Аа-а, сен Адилетсиңби? Кел келе гой, - деп ал аны үйгө киргизди. - Качан келдиң?

- Беш-алты күн болду, таятамдыкында жүрдүм, анан атамдан кабар ала кетейин деп эле…

Адилет отуруп жатып сүйлөп жатты.

- Ошондой де, өз үйүңө келбей туруп, таятаңа барган экенсиң да? - деп Жамийла аны кекеткендей карады, - чоңойуп эле калыпсың, таятаңдын үйүнө суутуп койгонсубай биякка эле келбейт белең?

- Сиз…

- Болду, сен тарбия көргөн бала эмес окшойсуң, өз атаңды унутуп таятаңа чуркап. Ийи, алар сени тим эле сагынып турушуптурбу?

- Сиз эмне деп жатасыз? Мен каякка барам-койом, өзүм билем! - деп Адилет тура калды. - Мен кеттим! - деп босогого жетип эшикти ача бергенде Канатбек менен сүзүшүп ала жаздады.

- Уулум, качан келдиң? - деп Канатбек кучак жая уулун кучактап көрүшүп калганда Жамийла кергиштей сүйлөп кирди:

- Балаңды мынча тартипсиз өстүргөнсүң? Келип-келбей жатып эле "сен атама эмнеге тийдиң, мен буга жол бербейм, атам сени албайт болчу" деп эле урушуп алып чыгып жөнөдү да?

- Кантип эле, Адилет андай эмес, - деп Канатбек уулун карады. - Сен ошенттиңби, балам?

- Кимге ишенесиз, ал сиздин ишиңиз, мен кетем! - деп Адилет чыгып кетти.

Балалык жан дүйнөсү дүрбөлөңгө түшүп: "Эмнеге атама жакшы аял буйрубаган, өз үйүмө өзүмдү жат кылып келе албай каламбы? Байкуш атам кыйналды, мен тоскоол болбой өз жашоомду көрө берейин. Эми бул үйдө мага орун жок экен" деп жер карай эки колун чөнтөгүнө салып карды кычырата басып кетип баратты. Үшүгөнүнө карабай жай басып бала күнүнөн берки өткөн күндөрүнүн эсинде калганын эстеп кетип жатты.

Бир жолу Канатбек менен Таалайкан урушуп жатты. Анда Адилет алтыга чыгып калган, катуу чыккан үндөн ойгонуп кетип башын көтөрүп карап калды: "Мен сенин эмнеңе кызыкмак элем, эгерде атаңдын үйүн күрөөгө койуп, мага акча алып бербесең мен кетем!" деди Таалайкан. "Таалай, ал үйдө ишенсең менин да акым жок, ата-энем өз эмгеги менен салдырган, кокус атамдын көзү өтүп кетсе гана мага толук калышы мүмкүн, болбосо Азимбек экөөбүзгө тең болот", "Апаңдын эмеле өлө койо турган түрү жок, ушинтип жүрө бербей көп акча менен соода кылсак бутка турабыз да", "Таалайкан, апамдын эле жанына баралы, ал карып калды, аны бакпасак болбойт, мал-сал менен дүйнөнүн баары биздики, жүрү үйгө эле баралы" деп Канатбектин жалдыраганына болбой: "Ошол жаны темирден бүткөн энеңдин өлөөр күнү кана, ал өлмөйүн мен ал үйгө барбайм", "Койсоңчу, ал сага эмне кылды, кайненедей болуп сага сүйлөгөн деле жок го? Түшүнчү Таалайкан, апамдын маңдайына баралычы", "Мен сага эмне деп жатам? Апаң өлмөйүн ал үйгө басып барбайм" деп Таалайкан эшикти карс дедире жаап чыгып кеткен.

Азыр ушулар кулагына жаңырып көзүнө жаш кылгырып улутунуп алды: "Апам каргышка калган деген чын окшойт, бирок чоң энем аны качан каргады эле?" деп ойлонуп атасына боору ооруп баратты.

Кеч күүгүмдө тоңуп калчылдап кирип келген Адилетти көрүп, таята-тайнеси карап калышты. Ал жай кийимин чечип илди да мешке келип колун кактап туруп калганда, Эстебес:

- Балам, мынча тоңгуча каякта жүрдүң? - деди небересине карай.

- Таята, атама жолугуп келдим, ал курулушта иштеп жатыптыр, үйгө барган жокмун, - деди жашырып.

- Ботом, кышында курулуш иштеп жатыптырбы? - деп Бермет ишенкиребей сурады.

- Ооба. Бүткөн үй экен, ичиндеги жумуштары көп болот эмеспи.

- Аа-а, азыркы үйлөрдү укмуш салып жатышат, колдо болсо иштетпей анан, - деп Бермет андан ары унчукпай калды.

Жылынгандан кийин Адилет дасторконго отуруп, жаңы эле жасалган жаркоптон ичип чогуу-чаран кобурашып отурду. Болотбек менен Базаркан да отурган.

- Адилет, сен экинчи курсту бүтүп атасыңбы? - - деп Болотбек ага карап суроо узатты.

- Ооба, тайке, буйурса экинчи курсту бүтөм.

- Аа-а жакшы экен, окуп алсаң өзүңө жакшы. Мына мен тракторду башкарып эле карапайым болуп окубай калдым, - деп Болотбек алакан жая күлүп койду.

- Тага, быйыл буйурса Америкага кетем, окуумду "ошол жактан улантасың" деп жатат, Айтурганга ошол жактан операция жасатабыз.

- Ой аз-замат эй, ушунуң жакшы экен, анда биз колубуздан келишинче жардам беребиз, Жунус акем эжемдер жөн турбайт го? - деп атасын каарады эле ал баш ийкеди.

- Кантип карап турмак элек, болгон жардамыбызды аябайбыз.

Баары ойлонуп бир азга тынчтык өкүм сүрүп турду ортодо, андан кийин Болотбектер өз бөлмөлөрүнө кетишти. Базаркан дасторконду жыйып, идиш-аягын жууп анан кетти. Адилет менен Айтурган бири-бирин карап гана тим болуп өз ордуларына жатып калышты. Экөөнү кандайдыр бир кубанычтуу сезим бийлеп, өз ойлору менен алектене ары оонап, бери оонап жатып уйкунун кучагына киргенин сезбей калышты.

Айшакан Айтурганды жеткирип койуп, өзү Куштарбек менен бир жаңсыл болууну ойлонуп кеткен. Келип эле балдарынын жанында отурган күйөөсүн карай жинденип кирди:

- Куштарбек, балдарды бетиңе кармабай ушунчаңда кетип кал, ушундай окуядан кийин мен сага кантип ишенем, кандай ичим жылымак эле?

- Айша, түшүнчү мени, мен мастык менен эле эмне кылып жатканымды да билбей калдым…

- Билесиң, эң сонун билесиң. өзүңдүн кызың эмес, "өгөй кызды уйпалап коркутуп койсо болот" деп ойлодуң да, сооңдо ойлогонуңду мас болгондо ишке ашыргың келди. Көп башымды оорутпай жолуңа түш! - деп Айшакан анын кийим-кечесин бүт чогултуп чоң сумкага салды да, - бол эрте, мен күтүп отура албайм. Эгер өзүң сыйың менен кетпей турган болсоң, "кызыма кол салды" деп каматып салам!

- Сен ойлончу, мен кайда, кимге барам, ыя?

- Ал сенин ишиң. Кайда барышты өзүң чеч, бул жерде эми сага орун жок!

- Койчу эми, жаным, кечирип койчу, атасын өлтүргөнгө апасын берет тура. Дагы жакшы, иш жаман болуп бүткөн жок, сен ойгонуп эсиме келе түштүм.

- А сен өкүнүп калгандырсың?!

- Эмне деп жатасың? Кубанып жүрөм азыр, татаалдашып кетпегенге, кокус чындап кирип койгондо эмдигиче түрмөдө отурмакмын.

- Эми да кеч эмес, тилимди алып кетип калбасаң эртең арыз жазып кайрылам!

- Айшакан, мени кечире албадыңбы? Кечире турган иш болсо көрмөкмүн! - деп ойлоп турасыңбы? Он жыл бойу сени багып, тапканымды колуңа берип отурам, керек болсо мына бул үйдү мен салгамын!

- Бул үйдө менин да тиешем көп, бул үй эки бала үчүн сенден калган таберик болот, тезинен чыгып кетпесең "мени өлтүргөнү жатат" деп кыйкырам!

- Кыйкырмактан кыйкыр, мени бул үйдөн оңой менен кетире албайсың! Кана, мени кетирип ойнош күткүң келип жатабы, балким таап да алгандырсың! - деп Куштарбек ага кыйкырганда Айшакан аны жанында турган көмөч казан менен уруп жиберди эле анын башына тийип, Куштарбек эсин жоготуп жыгылып калды.

Айшакан жин ургандай аны ургулап ого бетер жонуна оор көмөч казан менен ургулап жатып өзү чарчаганда отуруп калды. Куштарбек түн киргиче ошол жерде жатты. Кеч күүгүм кирип калганда Айшакан аны жүк ташыган арабага салып үстүн жаап койду да алыс алып барып түшүрүп кайра келди. Аны таштандынын жанына таштаганын өзү да билген жок, коркконунан үйүнө келип эки баласын алды да, инисинин үйүнө кетип калды. Ал ойунда Куштарбекти "өлүп калды" деп ойлоп жатты. Кыштын кычыраган суугунда аны эртең менен таштанды төккөн адам көрүп милицияга чалды, бир аздан кийин аны ооруканага алып кетишти. Түнү менен суукта жатып, денеси бүт көгала болгон Куштарбекти көргөн врач сураганда ал бирөөлөр уруп кеткенин, шаарда үйбүлөсү жок экенин билдирди. Ал Айшакандан таптакыр эле түңүлүп калган болчу…

Өпкөсүнө катуу суук тийгендиктен, Куштарбек бир топ күн жатты, бирок дарыланганга акчасы жок, догдурлар аны он чакты күндөн кийин чыгарып койду. Куштарбек кайда бараарын билбей эптеп иштеп жан бакмак болду эле, паспорту үйдө калыптыр, атайын барып босогосун эми аттаганда балдары аны көрүп эле жүгүрүп келишти.

- Ата-а!

- Атам келди!

Үйдөн чыга калган Айшакан ага жарышкан балдарына жетип колдорунан тартып үйдү көздөй жетеледи.

- Атаң менен кара жерге киргир, эмне эле ага жармашасыңар?

- Айша, мейли балдарды өзүң кара, мен кетем, паспортумду берип кой! - деди Куштарбек аялына түз карабай туруп.

Айшакан ыйлаган балдарын үйгө алып кирип кетип кайра чыкты:

- Мына, мында баары бар, көзүмө көрүнбө, балдарды да кайра-кайра кыйнап келе бербе! - деди да чоң сумкасын ыргыта салып кирип эшигин жаап салды.

Өзүнүн кечирилгис күнөө кылганын кеч түшүнгөн Куштарбек башын шылкыйта заманасы куурула кетип баратты. Ал эми гана ойлонду, балдарынын чоңойуп алигиче киши болуп калганын, эми аларга да бара алмак эмес. Улуусу он эки, эң кичүүсү беш-алты айлык беш баланы энеси менен чыркыратып кыйын убакта таштап баса бергени көз алдында. Эми оорукчан болуп эчтекеге жарабай калганда эшик түртүп барууну намыс көрдү: "Жаңылган экенмин, айыбымды өз башым менен көтөрүп өлгүчө эптеп жашайын. Балдар азыр чоңойду, канаттуудай калкалап энеси эптеп чоңойтсо мени кечирмек беле. Эси-көөнүнөн кетпей калды го менин кылган кылгылыгым" деп сенделе басып кетип бара жатты…

Куштарбек эптеп Дордой базарынан тааныш таап тачка алып иштеп өз күнүн көрүп жүрдү. Эсинен таштап кеткен балдары кетпей: "Кандай болуп калды экен, кичүү кызым он бирге чыкты, Курсант болсо жыйырма экиде, кандай күндү көрүп чоңойду экен! Үй эскирип калды эле, эмне иш кылып жашап жатышат, балким балдарым өз-өз жандарын багуу үчүн шаарда жүргөндүр?" деп айласы куруп үйбүлөсүн ойлоно берди. Арадан эки ай өткөндө алсырап жумушка жарабай батирде жатып калды. Ичээрге эч нерсе жок, батиринин төлөмү келип ордунан туралбай калганда батир ээси келди:

- Төлөсөң төлө, болбосо башканы киргизем, мен кудайчылар үчүн салган эмесмин.

- Эжеке, - деди Куштарбек улгайган аялга карап, - жакшы болуп калсам төлөп берем.

- Сени "жакшы болгондо берет экен" деп күтүп отурсам бир күнү куйругуңду түйүп кете берсең бир айдын акчасын кимден алам, күйүп кетпейимби?

- Эжеке, мен эч жакка кетпейм, бир аз түзөлүп алайын, кайра эле иштейм! - деп суранып туруп алды эле, айал анын убадасын алып кетти.

Өпкөсүнүн оорусу кармап, Куштарбек кан жөткүрүп жатты, ичээр тамагы жок, жанында отуруп суу алып берээр адам жок, көзүнүн жашы төгүлүп жатты: "Мени кудай жазалап жатат, үй толгон балдарымды, ак никелеп алган жарымдын көз жашы оңдурбай калды го" деп жаткан жерде ойлонуп жатты. Арадан он күндөй өткөндө бир аз өйдө болуп кайра иштегени чыгып түшкө чейин эптеп иштеп алы кетип жыгыла жаздап батирине келип жатып калды. Эми анын ойуна өлүм элестеп туруп алды, алы жок өйдө боло албай жатканда батир ээси кайра келди да, анын ал-абалын көрүп тез жардам чакырып салып берди.

Куштарбек эчтеке билбей жатып ооруканадан көзүн ачты. Аны бул жолу кароосуздарга келген гумм жардамдын укол-дарысы менен карап жатышты. Бир ай дегенде бир аз жакшы болуп калды эле, аны карылар үйүнө жеткирип койушту. Элүү үч жашында ошентип ал үйбүлөсүнөн азып-тозуп кароосуздар үйүндө жатып калды. Караары жок кары-картаңдарга колунда бар бизнесмендер келип жардам берип турушат. Куштарбек күрсө-күрсө жөтөлүп сыртта отурган эле, жардам бергени адамдар келип кийим-кече, акчалай кылып таратып калды. Катар менен берип келатып аны көргөн жигит бир азга унчукпай турду да, акырын колун кыса акча карматып үндөбөй чыгып кетти. Ал өзүнүн айылдашы, бир көчө ары жашаган Эмилбек эле. Курсантбектен беш-алты жаш улуу. Азыр ал аны тааныды да, айылга ошол эле күнү барып Курсантбекке жолукту. Бул кезде алар абдан тың жашап, эки балалуу болуп калган. Азат жаңы үйлөнгөн эле. Кечке жуук сыртта бирөө чакырып жатат дегенинен Курсант өзү чыгып Эмилбекти тааный жакшы тосуп алды:

- Оо келиңиз Эмилбек аке. Үйгө кириңиз, - деди эле ал унчукпай:

- Курсант, экөөбүз жеке сүйлөшөлү, анан кирейин, - деди ойлуу.

- Макул аке, деги жайчылыкпы? - деп Курсантбек күлө карап, катар басып короо ичиндеги алманын чет жагындагы күрөндүнүн жанына туруп калышты.

- Курсант, эмне дээримди да билбей турам, сен кечирбесиңди да билем…

- Эмилбек аке, айтыңызчы деги, эмне болду? - деп Курсантбек эми бир нерседен чоочулагансып карап туруп калды.

Ушул учурда Урматкан алардын артынан ээрчий келип бурчка туруп алды.

- Курсант, мен Куштарбек акени кароосуздар үйүнөн көрдүм…

- Койсоңузчу, чын айтасызбы?

- Бүгүн түшкө жуук ошол жерде болдум, анан дароо биякка жөнөдүм, анын абалы өтө оор…

- Кыз-зык, ал бизден кечип жакшы жашоо издеп кетпеди беле, билесиз да? Бизди апам кандай азап менен чоңойтту, иним экөөбүз тең мектеп көрбөй өстүк, эгер ал маңдайыбызда болгондо ошол азапты көрөөр белек? - деп Курсант жер карай ойлуу аркы-терки басып жатканда Урматкан басып үйүнө кирип кетти.

- Кандай болгон күндө да ал сенин атаң, ага карабасаң өлүп калышы мүмкүн!

- Ойлонуп көрөйүн, аке, апама дагы кеңешейин, ойдо жок иш эле…

- Урматкан эже жакшы аял, кечириши мүмкүн, эстүү жан баарына чыдайт. Мен эми кетейин, ушуну үчүн атайын келдим, Курсант. "Эстүү жигит этекке чаптырбайт" дегендей, элге уят болбогудай бол! - деп Эмилбек делдейе туруп калган Курсанттын колун бекем кысып коштошо короодон чыгып кетти.

Баарын байкап турган Урматкан уулунун жанына басып келди, аны көргөн бала оозун таптап бирдеме демек болду эле ал колун көтөрө сүйлөтпөдү:

- Мен баарын уктум, балам, эми өзүңөр чечкиле. Азат менен Сейитке кеңеш, Данат менен Айзат болсо али жаш! - деп койуп үйгө кирип кетти.

Курсант ого бетер селдейе туруп калды. Эмне дейт? Апасы кандай иш болсо да баарын өзүнө кеңешип үйдүн башчысы катары көрөт, аялын өзүнүн кызындай көрөт. Ары-бери басып турганда Азат келди. Сейит үйдө отурган, кирип аялынан жашырбай ачык эле сүйлөшмөк болду. Урматкан үндөбөй небересин алып отурду.

- Азат, биздин атабыз шаардагы кароосуздар үйүндө экен, эмне кылабыз? - деди Курсант инилерин карап, - ырас, ал биздин жаш кезибизде апамдын кароосуна таштап кеткен, ошентсе да балалык милдетибиз бар, кандай дейсиң? - деди.

- Мен билгем, дайыма атам түшүмө кире берчү, анын жаман абалда экенин сезгемин! - деп Азат угары менен эбелектей кетти.

- Атам бизди кечип кетпеди беле? Силерден озунуп эчтеке дей албайм, бирок биздин көргөн азап-тозогубуз али көз алдымда, - деп Сейит ушуну айтканда Урматкан сөзгө аралашты:

- Таштап кеткен күндө да ал силердин атаңар экенин унутпагыла, анын алдында милдетүүсүңөр. Кокус бирдеме болсо жаманаттысы өзүңөргө калат, өмүр бойу бетиңерге чиркөө болуп өйдө карап сүйлөй албай каласыңар!

- Апа, ал өз жолун өзү тандап алган, чыркыратып туруп басып кеткен! - деп Сейит негедир атасын кечиргиси келбей турду.

- Эмесе, - деди Курсант инилерин карап бүтүм чыгарчудай козголуп, - Мен эртең эрте шаарга барам да атамды алып келем!

- Демек сөз бүттү, атамды биз кечирдик!

Азат ушинтип туруп кетти. Сейит үндөбөй калды. Бул үйдө улуусуна каршы сүйлөп жыра талашып сөз бөлүүнү Урматкан жакшы көрчү эмес. Ал балдарына: "Балдарым, эр жигиттин жакшысы көбүрөөк угуп аз сүйлөйт, аргымактын жакшысы азыраак оттоп көп жүрөт" деген. Бириңди-бириң азыраак урматтап тургула, атасы болбосо аял кишинин тарбиялаганы деген кепке калтырбагыла дечү. Ошондуктан жашынан улуусуна кичүүсү каршы сөз сүйлөбөй көнгөн.

Курсант эртеси эрте туруп шаарга жөнөгөнү жатканда келинчеги Айдай:

- Курсант, эгер атамды тапсаң аны ошол жактан эле врачка көрсөт. Мен аны оорулуу деп уккам, - деди.

- Ырас айтасың, айылда жакшы врачтар жок, көрсөтүп кокус жата турган болсо жаткырып анан келем!

- Ошент Курсант, мен сага айталбай жүргөн элем, туура кылдың, - деди жөнөтүп жатып.

Шаарга келип алып: "Каап, кайсы жерде деп сурап албаганымды кара. Эми болгон карылар үйүн издеп көрүшүм керек" деп такси менен шаарды кыдырып жүрүп араң тапты. Дал ошол күнү дагы Куштарбек кан түкүрүп, мурду канап ооруп керебетте арман кылып жатып: "Кызык, түшүмдө балдарым менен үйдө жүрүптүрмүн, алар келмек турсун менин минтип жатканымды билбейт да, билсе да келишпейт" деп туруп ажатканага чыгып баратса аны нянка чакырып калды: "Эмнеге чакырып калды, ооруканага алып кетмек болуп жатабы?" деген ойдо кылдырай басып каридордо улам эс алып кетип жатканда алдынан өзүнүн жаш кезин көргөндөй селт этип алды: "Көөнүм айнып көзүмө көрүнүп жатат го, ушинтип өлүп калат окшойм" деп дубалга жөлөнө көзүн жумуп туруп калганда:

- Ата, ата дейм! - деп аны бирөө жулкулдатып жатты, көзүн ачып маңдайында зыңкыя кийинген өзүнө окшоп узун бойлуу жигит аны кармап туруптур.

- Сен кимсиң, балам? - - деп Куштарбек алсыз үнүн чыгара сурады.

- Ата, мен Курсантмын, тааныбай калдыңызбы, Курсантмын!

- Ыраспы, менин уулум Курсантбекпи?!

- Ооба ата, абалыңыз жаман го? - деп Курсант атасын келген таксисине салып ооруканага алып жөнөдү.

Курсант аны диагностикадан өткөрүп өпкөсүнөн сезгенип күчөп кеткенин билди да ооруканага жаткырып койуп жанында отурду.

- Уулум, кечир мени. Азат менен Сейит, Данаттар да чоңойуп калгандыр ээ? Айзатчы, ал да чоңойдубу?

- Баарыбыз аман-эсенбиз, ата, бир гана атанын мээрими жетишпей жаткан… - деп Курсантбек башын жерге сала күңгүрөндү. - Апам бизди адам кылып тарбиялады.

- Кечиргиле, уулум, мен жаңылдым. Өлсөм өлүгүмдү көрсөтпөйүн дедим эле, болбоду, тагдырым силерге мени кошту… - деп Куштарбектин жаш куйулган көздөрү жумулуу бойдон сүйлөп жатты. - Мени апаңар кечирбес бекен?

- Апам жиберди!

- Койчу, ырас эле өзү жибердиби? - - деп Куштарбек башын өйдө кыла уулуна тигилди.

- Ооба, апамдын кандай аял экенин сиз билбейсиз, кадырына жете албаганыңыз ошол да.

Аңгыча сестра менен врач кирди. Куштарбектин оорусуна жараша укол дарыларды дайындап, анан Курсантка карады:

- Мына булар бизде жок, болгонун өзүбүз беребиз, буларды алып келип бер!

- Макул, - Курсант кагазды алып чыгып кетти.

Эки-үч күн жүрүп керектүүсүн таап берип, анан өзү айылга жөнөдү.

Туура бир ай дегенде Курсант кайра шаарга барып, Куштарбекти айылга алып келди. Урматкан анын үстүнө кирбеди, өзүнчө бөлмөгө киргизип түлөө кылышты. Куштарбек башын көтөрө албай туттуга үйдө отурду. Үйдүн тургузулганын көрүп ого бетер башы жерге кирди: "Кандай абалда таштап кеттим эле, эми мындай абалын көрүп бир жагы сыймыктансам болоор. үйдөн кеткенде булар үчүн бир өлгөмүн, эми экинчи жолу өлдүм, ушундан көрө өлгөнүм дурус эле го?" деп ойлонуп жатты. "Уяттын териси калың" дегендей аргасыз ал балдарынын маңдайында отурду. Анын бул түрүн көргөн уулдары үн дебеди, ансыз да ичинен сыздап отурганын сезип-туйуп, сөз чыгарышпады. Эки-үч күн үйдө туруп анан Курсанттын досунун жайлоодогу ата-энесиникине жеткирип келди. Анткени ага саамал ичиши керек эле. Урматкан Куштарбекти аяды, кантсе да сүйлөшүп жүрүп, кыз тийген күйөөсү эмеспи. Аны менен беттешпеди, бирок "жакшы карагыла" деп балдарына кайра-кайра табыштап турду. Эки келини тең абдан ыймандуу, кайненесинин алдынан кыя өтпөйт. Үч бөлмө үйүнүн ичи толгон кыз-келиндер, ар кимиси өзүнө тиешелүү жумушун жасап күнүмдүк эмес эмгегин жакшы алышып, Урматканга ыраазы. Канчалаган кыз-келиндер андан үйрөнүп чыгып кээси шаарга кетип, кээси өздөрүнчө бөлүнүп чыгып ишкана ачып жатышкан. Анын кийиз жасаганы өзүнчө эле керемет болчу, кылдаттык менен жасачу. Айрымдары Урматкандын аппак кийизди жасаганын көрүп үйрөнмөк болгон менен натыйжа чыкпагандан кийин тим болушуп, анын кол алдында иштеп нан тапканына кубанып калчу. Бул үйбүлө ошентип кемтиги толуп, баардык максаты орундалып уулдарын татыктуу өстүргөн эне элге да, бала-чакасына да сыйы артып, жай жашоого баш оту менен киришти. Куштарбек үнсүз-сөзсүз үйгө кирип-чыгып ашык баш буйумдай батына албай, өмүрү өткүчө өз күнөөсү үчүн ичин мите курттай жеген сары санаа менен күн кечирүүгө аргасыз болду…

***

Адилет төртүнчү курсун бүтүп Америкага жөнөмөк болду. Айшакан ата-энесинин айтканынан чыгалбай Айтурганды ага кошуп бермек болуп, жолуна акча даярдап жатты. Ага-ини, эже-сиңдилер кыздын операциясына чогултуп жатканда Канатбектин бир туугандары Адилетти чоң окуусун улантууга тилектерин айтып аны жөнөтмөк болуп чогулуп келишти.

- Адилет, бөтөн эл, бөтөн жерге баратасың, садага, өзүңө сак бол, ооруп-сыктап калба! - деди Мария.

- Тез-тез сүйлөшүп кабарыңды билдирип тур, жакшылап оку, - деп Азимбек инисине акыл-насаатын айтып отурду.

Булардын ичинде Канатбек гана жок, аны аялы жибербей урушуп жатты, ошол учурда Жамийланын бойунда бар болчу.

- Сен "балам, балам" дей турган болсоң мен кетем! - деди ал алкына.

- Кантип барбай койом, өзүң деле ойлочу. Жалгыз балам алыска кетип жатса неге барбай койо алам?

- Барбайсың, эми башка балаң болот. Мен сага төрөп берем, аны унут!

- Жамийла, кантип баламды унутам. Ансыз деле эжелерим менен карындаштарым окутуп жатат, атасы катары узатууга барбай койсом Адилет томсоруп калат да, күтүп жаткандыр… - деп салбырай жер карады Канатбек.

- "Адилет, Адилет" деп, деги ушунун аты өчпөдү го, өлүп да калбады. Ошондон кутулбай койдум!

- Эмне деп атасың, оозуңа карап сүйлө, онду төрөп берсең да Адилетке жаман тилиңди агытпа, кетсең кете бер! - Канатбек ачуулана үйдөн чыгып кетти.

Жамийла чөк түшө ыйлаган бойдон кала берди.

Аэропорт. Кыжы-кужу элдин арасында Адилет улам эки жагын карап тынчсызданып турганда ары жактан Айтурганды ээрчитип Эстебес болуп беш-алтоо келип калышты. Адилет аларды кубана тосуп алды. Баары чогулуп жөнөөчү рейсти күтүп калышты. Бир гана Адилеттин тынчы кетип, кимдир бирөөнү күткөндөй кылчаңдай берди. Эжелери баарын билип турду атасын күтүп жатканын. Аңгыча рейстин жөнөөрүн кулактандырып калды.

- Жакшы жүр садага, окууңду жакшылап оку.

- Өзүңдү кара.

- Этиет бол, көп көчөгө чыкпа, - дешип ар кимиси ар жагынан коштошуп жатканда Айтурганды да тигилер ошентип акыл-насаат айтып, келип Адилетке дайындап жатышты.

- Өзүң жанында бол балам, бөлүнбөй бирге болгула, врачка жакшылап дайындап, жанында бол!

Адилет эч кимисинин сөзүн уга албады, эки көзү ар жакты элеңдей карап. Атасынын караанын эл ичинен издеп жатты: "Кантип эле атам мени узатканга келбей койсун, андай болушу мүмкүн эмес, келиши керек" деп самолетко көтөрүлө берээрде бери жүгүрүп келаткан Канатбекти көрүп Адилет артына кайрылып чуркап баратты. Узатып тургандар ага таңгалып карап калганда ата-бала кучакташып турган эле.

- Ата, сизди аябай күттүм, эмнеге кечиктиңиз?

- Балам, кечир, мен кечигип калдым. Аман жүр садага, - деп Канатбек чөнтөгүнөн дайындап келген буйумун колуна карматып, - Кош уулум, аман-эсен жетип кабарыңды билдир, - деп колтуктай узатып турду. Ал айтпаган менен Адилет атасынын абалын түшүнүп турду, жүрөгү ооруп көтөрүлүп баратып кол булгалап өзүн зордой жылмайып алды. Айтургандын жанына келип отурганда ал аны жылмая колтуктап башын ийнине жөлөп бактылуу болуп турду:

- Адилет, мен жакшы болуп кетсем экөөбүз тең ошол жактан окуп калып калабыз, ээ?

- Ананчы, өз өлкөбүздөн окуганда кызмат орун табыш кыйын, чет өлкөдөн бүтүп барсак жакшы.

- Менин окугум эле келет, оорудан сакайып алсам эч нерсеге карабай окуйт элем, - деп Айтурган улутунуп алды.

- Мага да карабайсыңбы?

- Сенден башка жумушту, ойун-күлкүнү койуп, жалаң окууга бурам көңүлүмдү.

- Алтыным десе, эч кабатыр болбо, колубузда профессордун кагазы бар, барып эле жолугабыз, сени көрөт, анан качан операция болооруңду айтат. Мен жолдомо менен окуу жайга барып, жатаканага орношом.

- Сен жатаканага кирип алсаң мен кантем?

- Аны жеткенден кийин көрөбүз, көп ойлоно бербей эс ал.

- Ма-акул, - деп, кыз шуу эттире өз тагдырынан күмөнсүй улутуна Адилетке жөлөнө көзүн жумду…

Арадан алты ай өткөндө Айшакандын көзү уйку көрбөй күн-түн сары санаа болуп кыйнала берди. Ата-энесине барып да бир тийди:

- Силер болбой туруп алдыңар, өзүм деле эптеп алып бармакмын, алар көрүнбөй эле үйлөнүп алды го, экөөнүн көз карашы жаман болчу?

- Сабыр кылып күтөлү, балам. Адилет акыл-эстүү, ал Айтургандын денсоолугуна карайт, - деп Бермет токтоо унчукту. - Өзүңчө бирдемени ойлонуп эле сүйлөй бересиң да, кичине токтоорок болсоң болбойбу?

- Анан силердики жакшыбы, врач аны "эч качан күйөөгө тийбеши керек, төрөбөшү керек" деп жатса Адилетке кошуп бересиңер?

- Кудай сактасын кызым, балдарың менен тынч гана Айтургандын өмүрүн тилеп күтүп тура тур! - деген Берметтин сөзүнөн кийин башка сөз айтууга оозу барбай шаарга келе берген эле.

Ошол күнү ага агасы Жунус келип:

- Сүйүнчү, кечээ гана Айтурганды операция кылыптыр, жакшы болду деп Адилет чалды, - деди.

- Оо кудай, оозуңа май, аке! Ошонун кабарын биле албай жинди болуп кете жаздабадымбы? - Айшакан ыйлап да, сүйлөп да жатты. - Садага кетейин көпөлөк кызым, аман-эсен сакайып кетсе болду.

- Адилет аерге барып тааныш күтүп, анан эки жагын байкап сүйлөшкөнгө убакыт өтүп кеткен тура. Азамат, дароо жолдомосу менен окуусуна да кирип, врач таап Айтурганды да операцияга даярдатып, он беш күн жаткырыптыр, - деп Жунус укканын карындашына айтып жатты.

- Садага кетейиндерим десе, эми ыраазымын аке, Таалайкан эжемдин керээзин аткарууга макулмун!

- Эмне дейсиң? - деп Жунус ага таңгала карап калды, ал жөнүндө уккан эмес болчу.

Айшакан байкабай ойундагысын айтып ийип чоочуп кетти да, кайра баарын айтып берди.

- Ошондой аке, мен ага кошмок эмесмин, апам менен атам болбой койушту. Мейли эми, экөө кол кармашып аман жүрсө болгону.

- Ой то-боо, ушундай да болот экен ээ. Адилет акыл-эстүү, жакшы адам болуп келет. Керек болсо Айтурган экөө бири-бирин жакшы көрөт дечи? - деп Жунус ойлонуп отуруп калды.

Убакыт өтүп ошондон он күн өтпөй телефондон сүйлөшүштү. Айтурган жакшы болуп калганын айтканда мындагылар Адилетке ыраазы болуп алкап жатышты. Айшакан кызын "качан келесиң?" деди эле, Айтурган келбей ал жакта калып окуурун билдиргенде эне эмеспи, тызылдап жиберди:

- Айтурган, кызым, кийин окуйсуң, кичине сакайып алышың керек. Чоочун эл, бөлөк жерде кыйналып каласың го?

- Апа, билесиң да, менин жанымда Адилет бар, ал мени көзүнүн карегиндей сактайт, андан көрө бизге капа болбой тургула! - деди Айтурган телефондон.

- Эй кыз, эсиң менен болчу, ал окуусунан алагды болуп калат. Келип бизге көрүнүп кайра барасың!

- Жо-ок, апа, сен мени жибербей койосуң. Андан көрө телефондон сүйлөшүп турабыз. Мейли анда, жакшы тургула! - деп Айтурган трубканы койуп койду.

Айшакан кызынын дартынан айыгып кетишине тилек кылып кубанганы менен, "келбейм" дегенине ызаланып ыйлап алды: "Мен ал үчүн жинди болуп кете жаздап отурса жанымда Адилет бар дегинин кара" деп өзүн койорго жер таппай тынчы кетип жатты: "Эне бала десе, бала талаа дейт" деген ушул, карасаң муну алыста жүрөт деп сары санаага чөгүп жатам, ал күлүп койот", деп жини келип алат да, кайра: "Ушунчалыгына кубанбай эмне болуп атам? Кокус Куштарбек зордуктап койгондо эмне болот эле? өмүр бойу өз баламдын алдында күнөөкөр болуп жүрүп өтмөкмүн" деп өзүн-өзү сооротуп алды.

Алар ай сайын акча салып турушту. Үч жыл дегенде алар "келебиз" деп телефондон айткандан бери Айшакандын дагы тынчы кетип жатты. Эстебес менен Бермет аларга өзүнчө сүйлөшүп, "туура үйгө келгиле" дешти. Ошол кезде Айтурган менен Адилет жакшынакай болуп адегенде таята-таенесине келип ыраазылыгын алып, дароо эле Канатбектин алдына жөнөштү. Ал дагы жалгыз жашап жаткан болчу. Жамийла ичиндеги баласы өлүк төрөлгөндөн кийин кетип калган. Канатбек андан кийин үйлөнүүнү ойлогон жок.

Адилет менен Айтургандын үйлөнүү тойу Бишкекте өттү. Ошондо гана Айшакан бир туугандары менен чогуу барып кызы менен көрүшүп ыйлап-сыктап аргасыз тим болду.

"Бакыт" деген адам баласына үч жолу келет экен, кармансаң карманып калдың, кармана албасаң "пыр" этип учуп кетчү көзгө көрүнбөгөн нерсе эмеспи. Эки жаш тилегине жетип, жыл айланбай уулдуу болушту. Канатбектин кубанычын айтпа, жөн эле учуп калды.

Жүрөгүндө кайгы-капа толуп турганы менен уулунун үйлөнүп, өзүнчө турмуш жолуна кадам таштап турушу Канатбекти бакытка бөлөп турду: "Ушул уулумдун бактысы менин бактым эмеспи, аргам канча, мага түбөлүк үйбүлө күтүп жашоону буйурган эмес экен, жалгызымдын бактысын, өмүрүн тилейин" деп ойлуу жатып калды.

Адилет менен Айтурган баласын Айшаканга таштап, Америкага учуп кетишти. Канатбек балдызына барып небересин көрүп турат. Жалгыздык аны абдан тажатып жиберди, Мария ал үчүн кабатырланып, шаардан тез-тез келип кабар алып турат. Азимбек болсо сырттан окуу жайын бүтүп, өзүнчө ишкана ачып чоң бизнесмен болуп калган. Назира, Азирек менен Асияларды чогуу чакырып Мария кеңеш куруп жатты. Азимбек менен Гүлсара, Гүлара, Уулкан, Бурулкан болуп баары бар:

- Менин силерге айтайын дегеним Канатбек абдан кыйналды, ушунчабыз туруп ошону эмнеге адам катарына кошо албайбыз? Ар кимиң колуңдан келгенин чыгаргыла, эптеп аял алып берели.

- Туура, баарыбыз өз-өзүбүзчө кетип, акемдин турмушуна көңүл бурбадык, эл эмне деп жатат болду экен? Акеме жардам беришибиз керек, - - деп Асия эжесине кошулду. - Биз жардам бербесек анан ким карайт?

- Аял алса эле кетип калат, эмне кылышыбыз керек? - деп Азимбек эже-карындаштарын карады.

- Эми бир жолу үйлөнтүп, бирин-экин мал курап, уй алып берели, балким эчтекеси жогунан кетип жаткандыр?

- Мүмкүн ошондойдур, чогулуп адам катарына кошпосок болбойт.

- Болду анда, сүйлөштүк: ар кимиңер колуңардан келгенин алып келгиле, Адилет келсе да кубанып, атасынан көөнү тынып калсын, - дешип, анан үй-үйлөрүнө тарады.

Айткандай эле ошол жылы биртуугандары күздө Канатбектин болбогон ойуна койбой короосуна беш-алты жандык, бир уй киргизип беришти да, "үйлөн" деп кыйнап жатканда Айзирек эжелерине:

- Менин коңшум бар, абдан жакшы келин, акеме ошол ылайык, - деп калды.

- Анда азыр аны бизге ээрчитип келип көргөз, - деди Мария.

- Кызыксыз эже, аны кантип ээрчитмек элем, менден улуу неме ээрчип келе коймок беле?

- Анда биз Асия менен Азимкан үчөөбүз баралы, ачык айтып эле сүйлөшөлү.

- Ошондой кылбаса болбойт!

- Мен үйлөнбөйм! - деди Канатбек.

Баары аны жалт карашты.

- Эмнеге, ушинтип жалгыз өтмөк белең? Жашың элүүдөн өттү, бир үйдө үңкүйүп отуруп күн өткөргөнүң болбойт!

- Үйлөнбөйм дедим, үйлөнбөйм!

- Үйлөнөсүң, биз сени акыркы жолу дагы бир үйлөнтөбүз, анан көрөбүз.

- Силер кандай түшүнбөйсүңөр?! Мен ата-энемдин каарына калганмын, алар мени "өлбө-житпе, азап тартып жүрүп өт" деген экен, мына көрүп жатам! - деп үңкүйө жер карап калганда эч кимиси үн ката албай калышты:

"Ырас эле, болбосо ичпей деги калды, тыкан, жакшы жүрөт, эмнеге аялдары кетет?" - деп ар кимиси өзүнчө ойлонуп отуруп калды. Тунжураган тынчтыкты сырттан кирген бейтааныш аялдын үнү бузду:

- Баарын өз жолуна салса болот! - Баары босого жакты жалт карап таңдана туруп калышты. - Мен бул баланын тагдырын чечем!

- Чын элеби? - деп Мария ордунан тура калды. - Сиз кимсиз?

Ал аял аларды кыдырата карап, анан Канатбекке көз токтото тигиле карап ортого келип:

- Бул экөөбүздү жети күнү-түнү менен жалгыз койгула! - деди.

Бир туугандар бири-бирин карап үндөбөй туруп калды. Канатбек ойлуу ордунан туруп келип ал аялдын маңдайына туруп:

- Сиздин көзүңүз ачыкпы? - деди күлүмсүрөй.

- Андай деп мени мазактаба. Мен сенин ал абалыңды түшүмдө көрүп анан биякка келдим. Андан көрө менин айтканымды жаса!

Ошол кезде Мария ал аялга карап ойлонуп минтти, андан башкасы азыр сүйлөөгө кудурети жетмек эмес эле:

- Сиз айткандай болсун, эгер баары жайына келсе сураганыңызды беребиз, ал үчүн жылдап күтүшүбүз керек!

- Туура, мен шашылбайм. Мен бир нерсе алыш үчүн эмес, адам тагдыры, кайтпаган каргыш үчүн келдим… - дегенде биртуугандар үнсүз гана бири-бирин ымдай бөлмөдөн чыгып кетишти. Канатбек үнсүз селдейди. - Азыр чык да даарат алып, мага чын ыкласың менен ишенип кайра кир! - деди ага бейтааныш аял.

Бул эки жыл мурун төшөктөн турбай ооруп жатып калып, кийин түш аркылуу адам тагдырын айтып себеп болуп жүргөн Седеп аттуу аял эле. Анын денеси үйүндө эле, болгону ушинтип кээ бир жерге капысынан келип калат, анын ысмын эч ким билбейт, болгону түш сыяктуу гана көрүнөт.

Канатбек кимдир бирөө аны мажбурлагандай эшикке чыгып кудайга жалынып, ата-энесинин арбагына сыйынып даарат алды. Анан ушул аял аркылуу жашоосу оңолооруна ишенип үйгө кирди. Ал кирип таңгалып калды, эмеле жапжарык болуп турган бөлмөнү жанагы аял капкараңгы кылып, өзү ак жоолук салынып теспе тартып отуруптур. Канатбек ал жаңсап көрсөткөн орунга отурду.

- Көзүңдү жум, - деди ал.

- Ансыз деле караңгы го, эч нерсе көрүнбөйт.

- Сөзүмдү кайтарбай айтканды аткар!

Канатбек унчукпай көзүн жумуп канча отурду, билбей да калды. Ээн талаада кетип жаткан экен, буту жылаңайлак, көзүндө жаш, ата-энесинен кечирим сурап жалынып баратат. Бир кезде алыстан Сааданын карааны үрүл-бүрүл көрүнүп: "Уулум, сай сөөгүмдү сыздатып, жүрөгүмдү ооруттуң. Мен сени каргаган жокмун, менин жаным кыйналды сенин уу сөзүңөн канча жылдан бери сенин тозоку жашооңду көрүп-билип туруп тынч жаталбадым" деди эле Канатбек эки колун аны көздөй сунуп: "Апа, мен да кыйналдым, өлүү эмес же тирүү эмесмин. Күнөөмдү кеч түшүнүп, адам катары жашайын деген ойум текке кетип жатат, кечир апаке, кечир мени?!" деп жүгүрүп баратканда аны бирөө токтоткондой болду, караса атасы экен: "Уулум, сени эркелетип өстүргөн айып менде, апаңды бияктан мен кыйнадым, сенин азап тартканыңды биз көрүп-билип, сезип, айла жок элчи жибердик", "Эмне дейсиз, кандай элчи?", "Ооба уулум, кечтик сенин күнөөңдү, көп жашайсың, балам, уулум жок деп жүрүп тилеп алдык эле" деп көздөн кайым болду.

- Ач көзүңдү! - деген үндү угуп, Канатбек ээн талаада жүрүп көзүн ачалбай көптө барып ачса маңдайында баягы аял деле жок, үйдүн ичи деле жапжарык.

Алсырап оозунан кара суу келип көзү караңгылай түштү, ордунан козголмок болду эле сырттан топурап бир туугандары кирип келип аны өйдө кылды.

- Канат, Канат, көзүңдү аччы! - деди Мария аны кучактап үйрүлө. - Ач көзүңдү Канат! - деп жатты.

- Эмне болду буга, берки аял кайда кеткен? - - деп Азимбек таңдана үйдүн ичин издеп жатты.

Канатбек: "Суу" деди алсыз.

- Тур, бирдеме алып келгилечи, жети күндөн бери өзөрдү го?

- Эмне дейсиң? - деп Канатбек көзүн ачып эжесине суроолуу карады. - Жети күн дейсиңби?

- Ооба, жети күн өттү, бирибиз баш бакпай кудайлап отурдук.

- Койчу, мен түш көргөндөй эле убакыт болду го?

- Жо-ок аке, жети күнү чогуубуз менен сенин тилегиңди тилеп отурдук, үн чыгарбай күтүп жатпадыкпы?

- Жалган, мен жана эле киргендей болгом, көзүмдү жумуп түш көрдүм, апам менен атамды көрдүм.

Аңгыча тамак-аш көтөрүп Айзирек кирди, анын күйөөсү да, чоңойуп калган баласы да жанында жүрөт.

Канатбек суу ичкенден кийин өзүнө келе отуруп бир туугандарына карады:

- Жанагы аял кетип калдыбы?

- Аны көргөн жокпуз, сени бөлмөгө киргизип кеткен бойдон көрүнгөн жок.

- Кантип, чыкканын байкабай калсаңар керек да?

Ошентип чуулдап ар кимиси ар кайсыны жоромолдоп жатышты. Бирок таңкалыштуу окуяны чече алышкан жок. Канатбек болсо "жарым сааттай эле отурдум" десе, "жо-ок жети күн болду", дешип эч нерсеге түшүнүшпөй кала беришти. Ошентип биртуугандары Канатбекти карап бир-эки жумадай кезектешип келип жатты.

Бир күнү Айзирек келип:

- Аке, биздин ары жагыбыздагы үйгө бир көзү ачык келин келиптир, ошого көрүнүп келиңиз, - деп калды.

- Ушу "көзү ачыкка көрүн" дегениңерди токтоткулачы деги, эч кимге көрүнбөйм, - деп ал болбой койду.

Аны Асия көндүрмөк болуп жатты, бирок айтканынан кайтпаган Канатбек көгөрүп туруп алды. Арадан бир жума өткөндө Айшакан балдызы небересин алып келип сүйлөшүп отуруп:

- Жезде, мен сизге бир сөз айтмакмын… - деди.

- Эмне экен, айта бер, балдыз, биз эми бир тууганыбыз, ажырагыс тууганбыз, сенин айткан сөзүңдү укпаганда кимдин сөзүн укмак элем? - деп Канатбек небереси Албертти эркелетип отуруп айтты муну.

- Менин Оштун центринде бир кудачам бар, ошону сүйлөшүп берейин, үйлөнүп албайсызбы?

- Ээ балдыз, мен эми үйлөнбөй калдым го?

- Кантип, үйлөнбөсөңүз болбойт. Адилеттер болсо эми айылга келиши кыйын, экөө тең чет өлкөгө көнүп алышты, биерге келгенде жакшы жумуш беришпейт деп болбой жатышат.

- Ал эмнеси экен, башка жердин балын таткыча, өз элинин суусун эле татып жашаганы жакшы эмеспи.

- Кечээ сүйлөштүм, келээр ойлору жок, "жумушубуз жакшы, бияктан үй алып алдык, жакында балалуу болобуз" дейт.

- Ошенттиби. Мейли, каралдым десе, кайда болсо да аман-эсен бактылуу жашаса болду, - деп Канатбек көзүн жаштап алды. - Бизди конокко чакыр дебейсиңби? - деп Канатбек балдызына күлүмсүрөй карады:

- Ой чакырса биз деле барып келели Американы көрүп, өзүңөр эле кете бербегиле! - деп Асия күлүп тамак көтөрүп кирип келди.

- Сөзсүз чогуу барабыз, алар азыр Америкада эмес, бир шаарын айтты, унутуп да калбадымбы, - деп Айшакан күлүп калды.

- Мейли, кандай болсо да бактылуу болушсун.

- Ошол эле, бактылуу болушса болду.

- Жезде, - деди Айшакан Канатбекти карап, - сиз үйлөнбөсөңүз болбойт.

- Ушундай сөздү уккум келбей калды, балдыз. Андан көрө баламдын бактысын тилеп жашай берейин.

- Канча айтып көндүрө албай койдук. Адилеттер келсе да санаасы тынып калат эле. Сени көп ойлойт, качан болсо "атам кандай, оорубай эле жүрөбү, аял ал дебейсиздерби?" дей берет, - деп Асия Канатбекти карады.

- Анда мен кайра эле Жамийланы алып келип алайын…

- Эмне кылсаң дагы жалгыз болбой жай турмушуңду өткөрсөң болот эле. Мына бир айдан бери сени карап отурабыз, ар кимибиздин өз түйшүгүбүз бар, дайым жаныңда боло албайбыз, - деп Бурулкан айтты.

- Алып кел анда, чогуубузда никеңди кыйып, тойчук өткөрүп элден бата алалы, - деп Асия аны демитип кирди. - Сен эле өз оокатыңды жасап кетсең биз кубанат элек.

Алар ошентип отурганда бир кызык окуя болду. Сыртта жүргөн Айзирек:

- Сизге ким керек? - дегенин үйдөгүлөр угуп турушту.

- Бул Канатбектин үйүбү?

- Ооба.

- Канатбек үйдө бекен?

- Үйдө, - деген Айзирек таңгала аны үйгө баштап кирип келатты. - Кире бериңиз.

- Сиз… - Канатбек ордунан тура калды, негедир аны тааныгандай, - Келиңиз, төргө өтүңүз, - деп орун көрсөтө шыпылдап жатты.

- Мен сизге келдим эле…

- Жакшы, сизди угуп жатам.

- Биз жалгыз калышыбыз керек. - Бейтааныш аял отургандарды тегерете карады. - Сиздер капа болбосоңуздар бизди калтыргыла… - дегенде баары үндөбөй туруп чыгып кетишти.

- Кулак сизде, - деп Канатбек ага карады.

- Мен сиздин өмүрлүк жарыңыз болом…

- Кантип?

- Ушинтип эле…

Канатбек унчукпай калды, ырас эле бир кезде өзү менен бирге жашагандай сезилип кетти.

- Биз мындан ары бирге болушубуз керек, менин атым Седеп.

- Кызык экен, жүзүңүз тааныш, бирок кайдан көргөнүмдү билбей турам.

- Эч кабатыр болбоңуз, менин тагдырым сизге байланыштуу. Апаң сени кечирди, мен эки жарым жыл ооруп жаткам, анан сизди түшүмдө көрдүм… - деп Седеп Канатбекти тике карап, - Эми биздин тагдырыбыз бирге! - деди.

- Түшүнбөй турам.

- Түшүнбөй турган эч нерсеси жок, бир туугандарыңды чакыр да экөөбүздүн никебизди кыйдыр, - деп Седеп ары карап туруп калды.

Канатбек өңү-түсү келишкен татынакай жаш келинди таңгала караган менен, ага тартылып турганын өзү да сезбей калды. Эже-карындаштары эшикте ары-бери басып аларды күтүп турганда, ал чыкты да:

- Эмесе мен ушул Седепке үйлөнө турган болдум, - деди алакан жая. - Бизге батаңарды бергиле?!

- Макул-макул, кантип батабызды бербей коймок элек, чакыр коңшу-колоңду, - деп Мария бул сырды өздөрүнүн ичине катып, эч жанга билдирбей кой сойушуп, конок камын көрө башташты. Эч кимиси оозунан сөз чыгарбай Канатбектин нике тойун өткөрүштү. Арадан он чакты күн өткөндө Седепти издеп эки аял, бир эркек келди. Алар менен сүйлөшүп отуруп, Канатбек бир эсе коркуп алды. Седептин апасы сүйлөп отурганда Канатбек кулак салып тим гана угуп жатты.

- Балам, Седеп капысынан ооруп калды, мен коркуп молдо-кожого барып дем салдырып кирдим, атасы врачка көрсөтөлү дегенде болбодум. Анткени ал өлгөндөй сулк жатса да денеси жупжумшак, жылуу болчу. Болгону уктап жаткандай сезилет. Арадан бир жума өткөндө бизден аркы айылдан бир киши келиптир: "Седеп кызым мени эки күндөн бери дарылап жатат, берсем эчтеке албайт, мен атайын өзүнө жолугайынчы" деп. "Аксакал, Седептин төшөктө жатканына эки жума болду, турбай жатса кантип дарыламак эле?" десек: "Жо-ок, түндө дагы барып, бүткөн бойумду кармап атып, үйүнүн дарегин айтып берген" деди да. Ал адамды Седеп жаткан бөлмөгө алып кирдим. Анын кыймылсыз жатканын көргөн тигил адам: "Демек кызың оңой кыз эмес, бул адамдарды дарылай турган касиетке ээ экен" деп башын тырмай чыгып кетти. Андан кийин көп адамдар келди, кызым төшөктө былк этпей жатса кайдагы алыс жашаган адамдарды дарыламак эле деп башым катты. Эки жылга чейин далай адам келип эч нерсе билбей жаткан кызымдын денесине сыйынып кетип жатты, абдан таңгалдым. Акыры бир күнү кызым акырын башын көтөрүп: "Апа, мени күтүп жатат, кечикпей жетишим керек" деп Седеп ордунан туруп басып кетсе болобу. Анан ал тургай айылыңды, үйүңдүн көрүнүшүн айтып берген, - деп отурду Седептин апасы.

Канатбек таңданып отурганда бир туугандары да ийнин куушуруп койду. Алар Канатбектин таңкалыштуу тагдырын ичтеринен ойлоп өздөрүнчө баштарын чайкап тим болушуп, бул сырды өзүнөн башкага чыгарбоонун амалын таап коңшу-колоңуна жөн гана "өзүбүз сүйлөшүп алып бердик" демек болуп жатты. Дегинкиси, Канатбекке апасы нааразы болгонун, өлөөрдө ага ыраазылыгын бербей койгонун эч ким билчү эмес.

Ошентип, биртуугандар кудагый, кудаларын сыйлап жөнөтүштү. Седеп жыйырма сегиздеги турмушка чыга элек кыз эле. Келген күндөн анын кээ бир таңгалыштуу сыры белгилүү болду. Бир күнү эртең менен Канатбек жумушка жөнөмөк болуп жатса:

- Канатбек, тиги өйүздө жаш бала катуу ооруп жатыптыр, эки күн кечиксе өлүп калат, ага дем салдырып, шам жакса айыгып кетет, - деди.

- Аны кайдан билдиң?

- Билип турам, сен ага сөзсүз айтып койушуң керек.

- Оо кой, мындай ишиңе мени аралаштырба, - деп Канатбек мойун толгой жумушуна кетип калды.

Ал кетээри менен Седеп өзү үйдөн чыгып барып жаш баланы бир эле карап, колун тийгизип, оозун кыбыраткандан кийин кетип калды. Бала тогуз айлык эле, ал кетээри менен ойноп калды. Периште келгендей ата-эне кубанганынан эртеси келип кетишти. Мындай күндөрү көп болду. Канатбектин үйүнө күн кур эмес оорулуулар келип көрүнө баштады. Иши жүрүшүп, арадан бир жыл өткөндө балалуу болду, эшигине мал көбөйүп, мамыры-жумуру турмуш өтүп жатты…

***

Адилет Америкадан келет имиш, дегенде аны күтүп баары чогулуп калышты. Эстебес менен Бермет карыса да бөжөңдөшүп алар да келип калды. Канатбек кайын-журтун, бир туугандарын сыйлап жатты. Адилет келип алар менен учурашып, анан атасына жетти, ата-бала кучакташып сүйлөшүп турушту:

- Ата, акыбалыңыз кандай?

- Баары жакшы, уулум, өзүңөр жакшы келдиңерби?

- Жакшы, мен бактылуумун ата.

- Сенин бактың менин бактым, балам, - деп ата кубанычтан көзүнө жаш алып турду. Баары экөөнү карап унчукпай тура беришти. - Неберелеримди көргөндө кантип кубанбайм, уулум?

- Атасы, биздин Акберди агасынын өзү тура, карачы муну? - деп Седеп балтыр бешик баланы көтөрүп алардын жанына келип калганда, Адилет атасын койо берип Седепти бир, анын колундагы наристени бир карап:

- Ата, бул менин инимби? - деди жылмая.

Канатбек:

- Ооба, уулум, бул сенин апаң болот! - деди эле, Адилет Седепке көңүл бурду.

Ал жапжаш келин өзүн жылмая карап, колундагы уулун өөп койду. Адилет наристени колуна алып Айтурганга карады:

- Айтурган, мен эми жалгыз эмесмин, бир тууганым бар экен! Кана, балдарымды алып келчи, өз бир тууганы менен таанышсын! - деп аялын карады эле, Айтурган колундагы бир жашка чыгайын деп калган уулу менен улуу баласын алып келди...

Бул өмүрдө кайгынын арты болот, көз жаш кургайт, өткөн өкүнүчтүү мүнөттөр кубаныч менен алмашылат. Бир үйбүлөнүн башынан өткөн тагдыр ушинтип акыры байгерчилик, жайгерчилик менен алмашылып, баары кубанып турушту. Айрыкча Эстебес менен Бермет уул-кыздарынын маңдайында небере-чөбүрөлөрүн көрүп, эки өмүр жашагандай бакытка балкып турушту. Жаштыктын деми менен жетип-жетпей өмүр кечип, жашоонун кызыгын көрбөй жаштыгын өткөргөн болсо, өмүрдүн акырында май көл сүт көлдүн үстүндө бактылуу болуп кечээги өткөнүнө өкүнмөк турсун татыктуу жашагандарын сезип турушту. Эми алар өз жашоосун хандын бир күнүнө бербес, анткени артыкча байлыгы жок бакыттын өзү баалуу эмеспи!

Канатбек он күндөй жүргөн уул-келинин узатып койуп, жолдо келатып ойлонуп баратты. Канатбек азыр өзүнүн апасына балалык парзын аткаралбай калганына өкүнүп, бирок баласы үчүн татыктуу ата болууга аракеттенип кетип жатты…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз