Айгүл ШАРШЕН


"Томолой жетим"


- Ата, акча берчи, шоколад алам, - деп бири айтса,

- Ата, мен шарик алам, - дешип үйгө келгенде чарчаганын да сезбей калат.

- Атаң чарчап келди, жөн отургула, - деп Келинчеги Нурмира балдарын тынчтандырмак болду.

- Мейли, мен ушуларды көргөндө чарчамак тургай эс алып калам, - деген Тойчу экөөнү чөжүрөтө ээрчитип чыгып, комоктон айткандарын алып берет да үйүн көздөй жөнөйт.

- Ата, сен кө-өп акча апкелгенсиң, ээ?

- Ык-ы, атамдын акчасы кө-өп да, - дейт кичүүсү.

"Тобо-о, азыркы балдар көзүн ачканда эле акча деп төрөлөт, мындай кезде акча эмне экенин билчү эмес элем" деп ойлуу өткөн күндөрүн эстөөгө аргасыз болду…

Тойчу эсине киргени эле Өмүрбектин балдарынан токмок жеп чоңойду, ага чейинкисин билбейт. Өмүрбектин аялы Чачыкей шакылдаган келин. Өмүрбек экөө үйлөнгөнү балалуу болушпады. Тойчуну багып алышкан. Андан кийин эки уулду болушту. Чачыкей эки баласына үйрүлүп түшүп, Тойчуну карап да койчу эмес. Балдарынын көзүн караганга алар аябай тентек болчу. Тойчунун ичип жаткан чайыбы, тамагыбы атайын төгүп коюп, экөө эки жагынан чукулап, кулагын чоюп, чачынан тартып ыйлатып койчу.

- Апа, карачы! - деп Тойчу жеңи менен жашын аарчый арыздана кетти.

- Акылың жок, ошо кичинекей немеден ыйлап калдыңбы? - деп Чачыкей балдарынын кылыгына кубана аны жонго чаап койду. - Бар ойнот, андан өлбөйсүң.

- Чачымды жулуп жатпайбы? - деп Тойчу анда ага өз энесиндей кежирлене кетти, кайдан билсин өзү жетим экенин. - Ойнотпойм, өздөрү ойной берсин!

- Ом э-эй өлүгүңдү көрөйүн чечек десе, сени ошолор үчүн багып отурам да, болбосо балакетимди алганы багып жатат дейсиңби, - деп Чачыкей кулагынан катуу чоюп түртүп жиберди.

- Аа-а! - деп чаңырып ийген балага жини келген Чачыкей колуна чыбык алып:

- Шүмшүк ий, кара башыңа көрүнгөн шүмшүк, тим эле ата-энең бүгүн өлгөндөй өкүрөсүң да! - деп чыбык менен шыйракка чаап-чаап жиберди.


Тойчу качып барып тамдын артына отуруп алып ыйлап жатты. Ал түшүнбөдү: "Эмнеге апам мени жаман көрөт, Эдил менен Эмилди урбай мени урат" деп солуктап жаткан, анан ошол жерде уктап калган экен. Ошондо Тойчу алты жашта болчу. Чачыкейдин чыбык көтөрүп долулана сүйлөп жатканын короого жаңы кирген Өмүрбек көрүп аны карай суроо салды:

- Эмне эле сүйлөнүп жатасың?

- Жанагы шүмшүк, балдар ойноп кулагынан кармап койсо ыйлап жатпайбы, тим эле ата-энеси жаңы өлгөнсүп.

- Чачыкей, эсиң менен бол, ошол бала колуңа тийгени балалуу болуп отурасың, кесир кылба, экинчи баланын кулагына ата-энең дегенди угузчу болсоң таарынба!

- Ошону алганда эле бала бере койду дейсиңби, кудайым эрте берет, кеч берет. Менин зарымды укту кудай. Негедир ушу баланын сүйкүмү жок, жаман көрүп кетчү болдум, - деп Чачыкей күйөөсүнүн сөзүнө кулак салбай казан аягын калдырата ишин жасап жатып сүйлөй берди. - Бирөөнүн баласын баккан болбойт экен.

- Эмне дейсиң, оозуңду жаап каласыңбы же бирди көргөнү турасыңбы?! - деп Өмүрбек ачуулана кыйкырганда Чачыкей тайсалдай түштү:

- Сага эмне болуп кетти?

- Атаңдын башы, кана Тойчу? Экинчи ошонун үнүн чыгарчу болсоң менден жакшылык күтпө! - деген Өмүрбек эки жакты карап, тамдын артында бүрүшүп уктап калган Тойчуну көрүп, көтөрүп келип жаткырып жатканда ал чоочуп ойгонуп кетти.

- Ата, ата, апам мени урду…, - деп Тойчу көзү жашылдана арызданып жатты.

- Шашпа уулум, апаңды көрсөтөм, сага көтөргөн колун сындырбасамбы? - деп Өмүрбек кирдеген кийимин көрүп, ичинен аялына жини келип, шымынын түрүлгөн жеринен кызара түшкөн чыбыктын тагын көрүп чоочуй өйдө көтөрсө көгөрүп кетиптир чыбык тийген жерлери. - Сен акмак турбайсыңбы эн-не-ңди урайын десе, жаш баланы ушунча урбасаң өлөсүңбү, ыя?

- Кичине эле домдоп койгом, эмне болуптур?

- Кичине домдогонуң ушулбу, этине туруп калыптыр, убал-сообу бар го?.

Ушул учурда Эдил менен Эмил эшиктен кирди.

- Ата-а, ата!

- Ата, биш ойноп келдик, укмуш ойнодук дейсиң, тух-тух-ту-ух деп мылтык атып ойнобудукпу! - деп Эдил эдиреңдей Өмүрбекке жабышты. - Тойчу жинди, ал жама-ан, биш менен ээч ойнобойт ал.

- Уулум, ал сенин акең болот, экинчи ага мындай сөздү айтпай жүр, уктуңбу? - деп Өмүрбек уулун чекесинен өөп Чачыкейди карады. - Сен жакшы аял болсоң жаш балдарды бири-бирине кайрабай ынтымактуу болгонго үйрөтпөйсүңбү?

- Мага эле асылып калдың да, мен эмне кылып жатам? - Чачыкей булкулдай кетти. - "Жатыны бөлөктү жамаса болбойт" дегенди билесиңби, өзү эле бөлүнө берет.

- Жаныңды жебе, ушул кантип бөлүнсүн? Оозуңду бекем кысып ашыңды жасап жүр!

- Болуптур атасы, болуптур эми, Тойчукеми экинчи урбайм, ээ балам? - деп Чачыкей заматта өзгөрүлө түшүп, Тойчунун маңдайынан өөп койду.

- Эдил менен Эмилди кандай көрсөң дал ошондой кара, кийиминин кирин мындан кийин көрбөйүн, - деп Өмүрбек ачуулана аялына карады. - Муну кордойм деп балдарыма зыяның тийсе сени ошол замат өлтүрүп салам! - деди эле, Чачыкей үн ката албай мелтиреп отуруп калды.

Ошондон кийин кээде гана тилдеп, урушуп калбаса, аны көзүнүн карегиндей карап калды. Өмүрбек кийим алабы, оюнчук алабы, үчөөнө бирдей алып берет. Эки баласынан да Тойчуну жакшы көрөт. Тойчу окууга бара турган болуп калганда өзүнчө эле майрам болду. Өмүрбек костюм-шым, ак көйнөк жаңы туфли алып келип кийгизип, сумканы артына асып койду да:

- Мына уулум, сен эми окуучу болосуң, жакшы окуп, апаң экөөбүздү кубант, ээ? - деп эки бетинен өөп, мектепке өзү алып барды.

- Ата, мен жакшы окуйм, - деп болбурады Тойчу.

- Садага, сен менин тун уулумсуң, инилериңди сен окутасың, ага чейин мектепте тартиптүү бол, уулум, - деп Өмүрбек мектепке жеткиче кобурашып кадимки чоң киши менен сүйлөшүп жаткандай кеңешип баратты.

Класска киргизип эң алдыңкы партага отургузуп өзү жанына отурду да, Өмүрбек мугалимге карады.

- Сиз уулуңуз менен окуйсузбу? - деди мугалим жылмая.

- Ооба, уулум менен кошо окуйм, - деп Өмүрбек күлө Тойчуну башынан сылап өйдө болду. - Менин уулумдун бою кичинекей, арттан досканы көрө албай калат, ушул жерге отурсун ээ, эжеси?

- Мейли, мейли аке, эрке балаңызды эң алдыңкы партага отургузалы, анан алдыңкы окуучу болсо эле болду? - деп мугалими Света жылмайып Тойчуга карады. - Кана, атың ким?

- Тойчубек…

- Фамилияң?

- ? . . .

- Эжекеси, ал азыр фамилия дегенге түшүнбөйт чыгаар. Эсимде, мен да түшүнбөй кийин гана билгемин. Фамилиясы Борбиев Тойчубек Өмүрбекович, - деп Өмүрбек күлүп калды. - Эмесе уулумду сизге тапшырдым, а сизди кудайга! - деди да чыгып кетти.

Света анын артынан карап ойлуу отуруп калды: "Кандай жакшы адам, балдарын энелери алып келишет көпчүлүгү, а бул киши… " деп ойлуу Тойчуну карап койду.

Ошентип Тойчу биринчи класска барды. Өмүрбек Чачыкейге күндө:

- Сабакка таза жөнөт, күндө өзүң кийгизип тур, бала неме кир болуп барбасын, анан сабагын окутуп тур! - деп дайындап жатты.

- Макул, кантип эле сенсиз билбей калайын атасы, уулум өзү деле жакшы жигит болуп калды, карасаң жазганын, сулуу кылып жазып келиптир! - деп дептерин көргөзө кетти Чачыкей күйөөсүнө.

Өмүрбек совхоздо бугалтер болуп иштейт. Эрте кетип кеч келет. Аялына ишенбей кээде уктап калган Тойчунун жанына келип, төшөгүн ачып көрүп анан эс алат. Анын Тойчуга мынчалык кароо болуп калганына Чачыкейдин кээде жини келип кетет, бирок күйөөсүнүн: "Балдарыма зыяның тиет экен" деген сөзү кулагынан кетпей өзүн зордоп Тойчуну таза жуунтуп, кийимин таза жууп өзүнүн балдарындай кароого аргасыз болгон. Тойчу сабакты жакшы окуй баштады, мектептен келээри менен отуруп алып сабак даярдайт. Баладай болуп ойнобойт, китеп карап отура берет. Эдил бир аз чоңойгонго Тойчуга анча тийбей калды, атасынын "ал сенин акең" дегенинен улам бала болсо да түшүнүп калгандай. Эмил экөө өздөрүнчө ойноп жүрө берет.

Чачыкей балдарынын капарсыз ойноп жатканын көрүп кубана жылмайып алып өткөнүн ойлонуп жатты…

Өмүрбек окуусун жаңы бүтүп келген жылдары Чачыкей мектепте пионер вожатый болуп иштеп жүргөн. Аны бир көрүп сүйүп калды. Өмүрбектин ата-энесинин үйү алардын үйүнө бет маңдай эле. Чачыкей күндө аны көрүп атайын көчөгө чыгып турчу, бирок ал зыңкыйа кирип кетээр эле. Кийин анын Кенжегүл менен сүйлөшүп жүргөнүн көрүп ичи күйдү: "Эмнеге мени көңүл буруп карап койбойт, Кенжегүл менден өйдөбү, ошончолук эле сулуубу?" деп ыйлап да калат. Кенжегүл Чачыкей менен бирге окуган кыз. Ата-энесинин колунда жогунан окууга баралбай калган. Чачыкей болсо Өмүрбек шаарга кеткенден кийин эле таенесиникине келип окуп калган. Бири-бирине чоочун эле. Бир күнү Кенжегүлдүн туулган күнү болуп калды. Чачыкей жасанып алып жетип барды. Ал келгенде кыздар, балдар келип калган экен.

- Ой Чачыкей, эмне мынча кеч келдиң? - деп Кенжегүл аны тосуп алып өбүшө өйдө өткөрдү.

- Чачыкей, сени эле күтүп жатканбыз, - деп кыздар да ага карап кол чаап калды.

Кенжегүл төрдө унчукпай отурган Өмүрбекти карап:

- Чачыкей, бул жигит биздин кошуна, аты Өмүрбек, таанышып койгула! - деди жайдарылана.

- Кенжегүл бизди өзү тааныштырып койду, ошентсе да өзүм айтып коеюн, менин атым Өмүрбек, - деп Өмүрбек жылмая колун сунду.

- Чачыкей… - Колун суна анын көздөрүнө тигиле туруп калган Чачыкейди Кенжегүл тартып кетти:

- Бир көрүп сүйүп калып жүрбө курбум, анын башы бош эмес, - деп Кенжегүл тамашалай күлүп аны жанына отургузуп, - Өмүрбек бухгалтер болуп иштейт, кыскасы бул жигит кызматчы,, - деп кошумчалады.

- Кыздар, балдар, эмесе туулган күндү баштабайлыбы, Кенжегүлдүн жыйырма жашка чыкканын белгилейбиз! - деди бир кезде Алмагүл деген шакылдак кыз.

- Туура.

- Туулган күнүң менен, Кенжегүл!

- Куттуктайбыз! - деп бири тура калып музыканы койду. - Кенжегүл, ушундай жаштын дагы бешин жаша, сүйгөнүңө жет!

- Сүйгөнүңдү бекем карма, ато башкага кетпегендей болсун! - дешип тамашалай шарактап, Алмагүл төрдө унчукпай жылмайып отурган Өмүрбекти карап койду.

- Менден эле коркпосо, башка тартып алчу эч ким жо-ок! , - деп Чачыкей да тамашалай Кенжегүлдү карады. - Туурабы ыя, Кенжеш?

- Оо-ой корком, чын эле сенден коркуш керек! - деп Кенжегүл да тамашаны түшүнгөндөй жаркылдай жооп бергенде Чачыкейдин ичи тарый түштү: "Чын эле Кенжегүл сулуу тура, мени кайдан карамак, неге мен Кенжегүлдөй эмесмин?" деп ызаланып алды. Түн жарымга чейин ойноп, күлүп отуруп анан тарашты. Чачыкей үйүнө кетимиш болуп акырын Кенжегүл менен Өмүрбекти аңдып кайра акырын анын үйүнүн жанына жетти, жетип эшигинин алдына өтмөк болуп калганда алардын үнү там артынан угулуп калды:

- Кенжеш, мен сени менен турганда өзүмдү кандай бактылуу сезээримди билсең… - деген Өмүрбектин үнү угулду.

- А менчи, мен дагы сени узатып эле кайра көргүм келет, аргам эле жок, артыңдан барганы турсам да, - деген кыздын үнү назик наздуу угулганда Чачыкей андан аркысын уккусу келбей: "Тим эле созулуп калат тура, тобо-о. Жигит менен сүйлөшүп көрө элекмин, мага бир жигит сөз айтпайт" деп өзүнчө жинденип үйүнө келди да жатып алып ыйлап жатты.

Чачыкей ошол жылы педучилищага окууга өтүп окуп калды. Шаарда жүрүп каникулда келсе Кенжегүлдү башка айылдык жигит ала качып кетиптир. Аны уккан Чачыкей ичинен кубанып алды, атайы кеңсеге барып Өмүрбекке жолугуу үчүн шылтоолоп барып коридордо бирөөнү күткөндөй эки жакты карап турса Өмүрбек кабинетинен чыга калды. Байкамаксан болуп турса:

- Оой Чачыкей, сен кайдан?

- Өмүрбек көрө калып басып келип колун сунду. Студент кыз келип калыптыр го биздин айылга.

- Оо кандайсыз, келип калдык, - деп, "Кенжегүл кетиптир, эми менден кутулуп көрчү" дегендей Чачыкей кытмыр жылмая назданып койду.

- Абдан сулуу болуп кетипсиз го, шаар сизге жаккан го? - деп Өмүрбек тамашалай күлүп калды.

- Сулуунун сулуулугу сүйгөн адамың жаныңда болсо гана сезилет, сиз Кенжегүл турганда башка сулууларга көңүл бургуңуз келбегендир?

- Койсоңузчу, - деп Өмүрбек көңүлү чөгө коридордон чыккыча унчукпай калды. - Сиз качан келдиңиз шаардан?

- Эки күн болду, жумуштап келе калдым эле. Көңүлүңүз чөгө түштү окшойт, мен күткөнүмдү карап турайын, бара берсеңиз болот, - деп Чачыкей артына бурулду.

- Жок-жок, Чачыкей, капа болгонум жок, бүгүн колуң бош болсо кечки жетиде жолуксак кантет? , - деп Өмүрбек аярлай карады.

- Аа-а кечиресиз, бүгүн бошобойм го, - деди Чачыкей наздана аны карап, - Кенжегүл эмне дээр экен, сиз менен жолугушканымды угуп же көрүп калса? - деп жылмайып койду.

- Чачыкей, сиз али уга элексизби?

- Эмнени угушум керек? - деп Чачыкей билмексенге сала сурап койду.

- Кенжегүлдүн турмушка чыгып кеткенине үч ай болгон…

- Койчу?!

- Ооба Чачыкей, аны ала качып кетишкен, ошентип Кенжегүл азыр бирөөнүн келинчеги!

- Кызык, анан сиз унчукпай кала бердиңизби? Сүйүүңүз анык болсо тим турмак эмессиз, чындап сүйгөн эмессиз го? , - деп Чачыкей сынай сурады.

- Сүйгөмүн, жанымдан артык көргөнмүн, бирок ата-энем мени токтотуп койду, "бирөөнүн эшигин аттап калган кызды тынч кой, бата куранга калса өзүнө да сага да жаман болот" деп болбой койду…

- Жаман болуптур…

- Чачыкей, жолугуп туралы…

- Кеткенче көрөмүн, балким кайгыңызды басуу үчүн бир аз убакыт керектир…

- Эми ал өттү, жаштык-мастык дегендей…

- Сиздин көңүлүңүздү ачып, жабыркаган жүрөгүңүздү жубатууга менин кудуретим жетээр бекен? - деп Чачыкей басып кетти.

Өмүрбек турган ордунда кала берди. Ошондон көп өтпөй Чачыкей шаарга жөнөгөнү жатканда аны ала качып алды, өзү сүйгөн адамга капысынан жар болду. Өмүрбек чын дили менен сүйбөсө да Чачыкейди жактырып алды, өз макулдугу менен алды. Беш жыл жашап Чачыкейдин согончогу канабады…

Айылдаш коңшуларынын үйүндө Султан деген отуздардан ашкан жигит бар эле. Аны Арстандын жээни деп коюшчу. Арстан картаң киши, кемпири өтүп кеткен. Султан кандайдыр келинчек алып келди. Аны жетим кыз экен деп бири айтса, жо-ок бир жактан качып келген имиш, төркүндөрүнөн жашынып жүрүптүр деп бири айтат. Эмнеси болсо да карыганда Арстанды карап багып жатышты. Ошол жылы карынын өпкөсүнүн дарты күчөп дүйнө салды. Султан менен Зейнеп өздөрү калып оокат кылып жатышкан. Аялынын боюнда бар эле, эми төрөйт деп турганда Султан кыштоого мал караганы барып көчкүдө калды. Ыйлап-сыктап жүрүп Зейнеп айы-күнүнө жетип, төрөй албай көз жумду…

Чачыкей ушул жерге келгенде көзүнөн куюлган жашын аарчып: "Ырас эле кечээгисин унутуп калат тура адам, ушу көзүн ача элек наристени сурап барганда кандай абалда элем" деп алды, шуу эте үшкүрүп да алды…

Арстандын деле өтө жакын туугандары жок болчу, азыноолак мал-келин, үйүн-дүнүйөсүн алганга бир жакыны чыкты. Он күндүк наристеге келгенде эч кимиси үндөбөй калышты. Ошол учурда Өмүрбек аялына келип:

- Чачыкей, ушул баланы биз алып багып алалы, - деди.

- Койсоңчу Өмүрбек, кантип…

- Ушинтип эле, азыр экөөбүз барабыз да баланы ак сакал, көк сакалдардын алдында сурап алабыз, анан бизге кудай берет!

- Кудайдан сурап күтө турсак берээр, берээрин унутпасын дешет го? - Чачыкей күйөөсүн аргасыз жалдырай карады. Ал: "Көзүн ачпай жатып ата-энесин жеген бала бизге кайсы жакшылыкты алып келмек эле" демек болду, бирок Өмүрбектин сырын билгендиктен айта албады.

- Жок, ушул баланы багабыз, эгер каршы боло турган болсоң мен өзүм багып алам, сен кете бер! - деп Өмүрбек сыртка чыгып кеткенде, аргасыз анын артынан чыгып, Арстандын үйүнө ээрчише келишти.

Ошентип улуу-кичүүнүн алдынан өтүп, наристени алып келишкен эле…

Чачыкей ушуларды ойлонуп отуруп Тойчуну ичи жылый бир карап алды: "Байкушум, ак жолтой болду" деп. Ал келгенден алты ай болуп боло электе кош бойлуу экенин билди. Өмүрбек аны укканда балтыр бешик болуп санаасыз жаркылдап күлгөн Тойчубекти көкөлөтө көтөрүп:

- Ак жолтоюм менин, Тойчумдун артынан тойлор келди, эми биздин үйдө той болот Чачыкей, уктуңбу? - деп кубанычы койнуна батпай өпкүлөп, наристени эркелетип жатты.

- Келе мага берчи? - деп Чачыкей баланы андан алмак болду эле Өмүрбек бербей ала качты:

- Менин уулум, менин эркетайым, акжолтой Тойчукем!

- Мага деле берсең, мен дагы көтөрүп турайын, - деп Чачыкей болбой эле талашып жатты.

- Бербеймин, уулума бешик той беребиз, эртең бир кой соебуз, өзүңдүн төркүнүңдү, менин ата-энемди чакырт, той беребиз, той! - деп Өмүрбек баланы колуна көтөрүп алып бийлеп жатты.

- Ээк кудай, ушунчалык да сүйүнөсүңбү, Өмүке?

- Кантип сүйүнбөйм Чачыкей, ушул күчүктүн артынан экөөбүз дагы бир кан-жаныбыздан бүткөн балалуу болгону турсак?! - Өмүрбек баласы менен кошо Чачыкейди кучактап алып өпкүлөп жатты, - Биз балалуу болобуз эми?!

- Ырас эле, ырас эле, Өмүке, ушул убакка чейин мен ушуну ойлогон эмес экемин, - деп Чачыкей ушул ирээт чын дилден ыйлап жиберди. - Күчүгүм десе!

Өмүрбектин колундагы баланы шуркурата моюндарынан жыттап кубанганынан буркурап ийди.

Ошонун эртеси эл чакырып, Тойчуга бешик той беришти, бирок боюнда бар экенин эч кимге билдиришпеди. Тойчуну жерге-сууга түшүрбөй карап калышты. Ошонун артынан эне болоорун билген Чачыкей кудуңдап керээли кечке баласы менен алек. Тойчу бир жашка толгондон аз өтпөй ал уул төрөп алды…

Чачыкей эки уулу менен алышып үйдө отурган, эзели ачкыл ичпеген Өмүрбек бир күнү кызуу келди.

- Сага эмне болду Өмүке, уулдарым менен мен үйдө отурсам, сен минтип ичип келгениң кантип болсун?

- Эк, барчы ары, ичсе ичип койдум да, уулдуу болгонума ичсем болбойбу? - деп Өмүрбек костюмун илип коюп диванга жатып алды.

- Мейли атасы. Кубанганыңдан ичкениңе каршы эмесмин… - деп Чачыкей унчукпай чайын, тамагын алып келди эле ичпей жатып алды.

Көпкө чейин үйбүлөсүнө карабай өзүнөн-өзү чүнчүп, Өмүрбек кээде ичип келсе, кээде келбей калып арадан бир айдай убакыт өтүп кетти. Чачыкей өзүнчө сары санаага батып: "Бул соо эмес, бирөөнү таап алып балдарын кыялбай жүргөн го?" деп ичинен тынып жүргөндө, ага бир классташы жолугуп калды, экөө сүйлөшүп туруп Акылай минтти:

- Баса уктуң беле, Кенжегүл төрөттөн каза болуптур! - деди.

- Качан?

- Бир айдан ашты го, экинчи баласын төрөй албай каза болуп калыптыр…

- Жаман болгон тура байкуш.

Чачыкей ойлуу ушинткен менен Өмүрбектин эмнеге кайгырып жүргөнүн эми түшүндү: "Эмдигиче унуткандыр деп жүрсө, унутмак тургай өлгөнүнөн өйдө кабардар болуп жүргөн тура, ай чырактай баланы төрөп берип отурсам да мени кадырга албаганы эмнеси? Кокус өлбөсө ага кайра үйлөнөм деген оюу бар окшойт" деп үйүнө келип да тынчы кетип жатты.

Кеч келген Өмүрбектин алдынан тосуп алып:

- Эмнеге эле мынчалык кайгырып өзүңдү таштап жибердиң, же Кенжегүлдүн тирүү жүргөнү үчүн жашап жүрдүң беле? - деди ага.

- Ооба, ошентип жүргөм, эми башка сөзүң жокпу?

- Анда мен баламды алам да кетем, сенин ысык-суугуңа күйүп, мончоктой уул төрөп берген аялың турса кайдагы жашоосу бөлөк аял үчүн өзүңдү курмандыкка чалгың келсе чала бер!

- Кеткиң келсе жол ачык, менин бир аз аны унутушума жардам бергендин ордуна кетем десең өзүң бил. Бирок бир сунушум бар, баланы таштап кет! - деди Өмүрбек аялын карабай туруп.

- Эмнеге таштайм, кудайдан зар тилеп таап алган баламды таштабайм!

- Таштайсың, баланы көтөрүп ушул үйдүн босогосун аттап көр! - деп Өмүрбек анын маңдайына келип көзүнө тике карап калды.

Чачыкей анын ушул турушунан чоочуп кетти. Анткени Өмүрбектин көздөрү чанагынан чыга колдору калчылдап тургандыктан өзү тайсалдай түштү. Үн дебей көзүнүн жашы бетин жууй ары басып кетти. Ошол бойдон эч кимиси унчукпады. Бир туруп ызаланып, өлгөн Кенжегүлчө кадыры болбогонуна ичи ачышса, бир туруп: "Эмне экен, сүйсө сүйгөндүр, баары бир менин койнумда, өзүм сүйгөн адамымдан балалуу болуп отурам. Аны да бир күнү унутаар мезгил келет, өмүр бою ушинтип жүрө бермек беле" - деп өзүн сооротуп кала берди.

Өмүрбектин көкүрөк башындагы өкүнүчү жер көтөргүс болчу. Анткени ал Кенжегүл экөө бирге түн катып жолугуп жүрчүдө жаштыктын жалындаган махабатына туруштук бере албай экөө кошулуп койгон эле. Кенжегүлдү Өмүрбектен да өтө сүйгөн жигит аны ала качып алганда ал чыр кылып ыйлап жанына жолотпой коет. Аялдар аны арбап жатканда айласы кеткен кыз алып келген күйөөсүнө сырын айтуу үчүн:

- Болуптур, мени алчу жигит менен сүйлөшүшүм керек, - дейт соолуктаган кыз. - Бир да бирөө болбосун, жекече сүйлөшөм.

- Ма-акул айланайын, - дешип аялдар чыгып кетип күйөө болчу Шадыбек кирип кыздын жанына отура калып:

- Кенжегүл? мен сенсиз жашай албайм, кечир айтпай ала качып келгенимди, - деп жалдырай карайт.

Кыз алдында чөгөлөп кечирим сурап турган жигитке боору ооруй бир топко карап турат да:

- Менин жигитим бар, бекер убара болупсуң, сени менен жашаган күнү да сени сүйбөсүмдү билип кой! - деди.

- Кенжегүл, мен сени мектепте окуп жүргөндө эле жакшы көрчүмүн, айта албадым…

- Шадыбек, мен жигитим менен жакында баш кошмокпуз. Сен мени түшүн, кыз эмесмин, жатып койгонбуз, ал турсун үч айлык боюмда бар!

- Кантип? - Шадыбек аны ишенбегендей карап калды.

- Калп эмес, эртең мынабу ажылдаган аялдарың айтып, сен мени төркүнүмө абийиримди төгүп жеткирип бересиң, ошол жакшыбы? - Кенжегүл ойлуу Шадыбекти карады. - Дос-жоролоруңа дагы уят болосуң, андан көрө мени сыр билгизбей жеткирип кой, өз тагдырымды өз сүйгөнүмдөн табайын, суранам….

Шадыбек башын жерге сала көпкө туруп калды. Анан бир чечимге келди окшойт, чечкиндүү Кенжегүлдүн колунан кармап:

- Кенжегүл, айтып койбой, бир жолугуп сүлөшпөй алып келген күнөө менде, сен менин түбөлүк жарым болуп берсең болду. Сени күнөөлөбөйм, кетем дебе, баарына кайылмын, төрөсөң өз баламдай кабыл алам! - деп суранып, ордунан турду да чыгып кетти.

Кенжегүл унчуга албай кала берди. Бака-шака, оюн-күлкү менен үйлөнүү той өтүп жатты, түн бир оокумда кыз-күйөөнү жаткырмак болуп көшөгө ичине төшөк салып жеңеси келгенде Шадыбек кирип жеңесине:

- Жеңе сиз бара бериңиз! - деп койду да Кенжегүлдү бир карап жылмая. - Биз азыр бардыгын ойдогудай бүтүрөбүз! - деп чөнтөгүнөн маки алып чыгып бармагын шарт эте кесип төшөккө тамызды да, - Менин төшөгүмө чоочун эркекти жаткырбасаң болду, ага чейинкисин сурабайм, кыскасы өзүм сүйгөн адамым жанымда, - деп төшөккө Кенжегүлдү кучактай жыгылды.

Буларды Кенжегүл кызын төрөгөндөн кийин капысынан Өмүрбекке жолугуп калып өзү айтып берип ыйлап, кызынын аты Ажар экенин айткан. Ушуларды ойлоп отурган Өмүрбек айласын таппай кыйналып жүргөн. Жаштык кездеги бир күнөөсүнүн айыпсыз данакери болгон наристеси энеси жок башка адамдын колунда калганына жаны кейип кандай болгондо колуна алаарын билбей далбастап, Шадыбектин үйүн шынаарлап жүрдү. Ажар бул кезде жети-сегизге чыгып калыш керек. Далбастап жүрүп Шадыбектин коңшусу Мадыл менен теңтуш болуп алды. Анын үйүнө күн алыс барып жүрүп, кызынын быйыл окуй турганын билди. Мадыл экөө дасторкондо чай ичип отурган.

- Байкуш кызга эле жаман болду, - деди аялы бир кезде, - энеси өлгөндөн бери көрбөгөнү көр болду.

- Эмне кыласың бирөөнү кеп кылып?

- Ким? - деп Өмүрбек Мадылды карай суроолуу тигилди.

- Коңшунун кызы, апасы өлгөндөн кийин аны кордоп коюшту.

- Анын эмнесин айтасың, өлүмдүн арты өксүк, бечара кыз боюнда келген экен, ошону эми чыгарып жатпайбы?

- Кызык экен, атасы ошентип өгөйлөп жатабы?

- Жо-ок, кайненеси. "Баламдын башын айлантып алып бирөөдөн көтөрүп келген баласын эмне кылам?" деп эле алкынып жүрөт.

Буларды уккан Өмүрбек эмне кылаарын билбей үйүнө келди. Чачыкей баягы бойдон унчукпай өз оокаты менен алек. Же кетип кала албай, же күйөөсүн кечире албай жинденип, өзүнчө бук болуп балдардын түйшүгү менен гана алектенип алаксып калчу. Өмүрбектин келгенин да этибар албай дасторкон жаят, ич деп айтпайт, кайра жыйып салат. Ал да кийинчерээк ошого көнүп унчукпас оюн ойноп калышты, балдары биринин артынан бири чоңоюп калган. Бирин жетелеп бирин көтөргөн Чачыкей бир жумадай төркүндөрүнө жүрүп келди. Ошондо ата-энеси ага Өмүрбекти сыйла дешип катуу айтышты.

- Сен балам Өмүрбекти сыйла, балдарыңды жетимсиретпе, мына кудай берип уулдуу болуп калдың, аял көтөрүмдүүлүк менен жеңсе баарын утат.

- Апа, качанкыга чыдайм, жетишет го? - деп Чачыкей ыйлап да алды. - Муну болбой бактырды, экөөнүн түйшүгүн тартып күйөөмдүн үңүрөйгөнүнө чыдап жүрө беремби?

- Чыда, баары өтүп кетет, "ал Кенжегүлдү ойлоп жатат" деп өзүңчө эле туталана бербе, аныгын билгиң келсе ал экөөнүн ортосунда кыз бар. Биз сага айтпай жүргөнбүз, ата-энеси аны алып келебиз деп жатат, Өмүрбек ошону ойлоп жаткандыр, - деди апасы. - Сен аялсың, энесиң, баарын көтөрүүгө акылуусуң!

- Апа, эмне деп жатасың, Кенжегүлдү алган эмес эле го? - деп Чачыкей апасына таңгала карап туруп калды. - Эмнени угуп жатам, дагы уга элек кандай табышмагың бар? - деп бетин баса ыйлай берди.

- Болду, сен андан көрө ал кызды алып жакшы эне болууга өзүңдү даярдашың керек, балдарың үчүн, Өмүрбекти кармап калыш үчүн да ушундай кылышың керек, кызым! - деди да атасы чыгып кетти.

Чачыкей мелтирей отуруп калды: "Демек мурда эле жатып жүрүшкөн экен да, эмнеге унутпайт десе андан унутулгус эстелик алып калган тура. Эми эмне кылышым керек, Тойчу менен кызын? Мен өзүм сүйөм Өмүрбекти, өз сүйүүм үчүн күрөшөм. Келсе келээр кызы, мен энемин, эмне экен, сүйгөн адамымдын кызын өз балам катары карашым керек, мен жеңем!" деген ойго токтолду.

Үйүнө келгенден кийин Чачыкей ага эч нерсе дебеди, өзүнөн сөз чыгаар деп күттү, бирок андан үн жок, сөз жок, мелтирегенден мелтиреп мурункудан кабагы ачылып балдарына көңүл бура кадимкисиндей болуп баратты. Чачыкей да укканын токтоолук кыла ичине катып эчтеке билбегендей зымырайып жүрө берди. Жашоолору өз нугу менен өтүп жаткандай болду.

Бул кезде Өмүрбек жалаң Ажарды өзүнө алуунун амалын кылып жүргөн эле. Мадылдын үйүнө барган сайын аны көргүсү келет. Бир жолу анын үйүнөн чыгып короонун четине туруп калышты. Ошол кезде коңшу короодон чачы экиге бөлүп өрүлгөн кыз чыга калып, арыта ойноп жаткан эки-үч кызга барып кошулду. Өмүрбектин жүрөгү кабынан чыга жаздап, лакылдап, эки көзү ал кыздан өтүп карап Мадылдын сүйлөп жаткан сөзүн кулагына кирбей тура берди. Ажар Кенжегүлгө куюп койгондой окшош эле…

Бир кезде улгайган аял анын артынан чыгып:

- Өлөт алган кыз экен го бул, жылт этип эле оюнга жүгүрөт. Оой Ажар, бас үйгө! - деп кыйкырганда гана селт эте үн чыккан жакка карады.

- Азыр апа, ойноп алайын да-а! - деп кыз бери карап жооп берип, кайра секире кыздардын жанына отуруп калганда жулкулдаган аял Ажарга жетип колунан тартып өйдө кылды да, башка ургулап, кулагынан чойгондо, - Апа-а! - деп чаңырып ийди.

Өмүрбек негедир колун өйдө кыла аны көздөй жүткүнө туруп калды.

- Ээй сага эмне болду, ал күндө ушул, бала неме ойногусу келет, ага тиги кемпир болбойт. - деп Мадыл досуна таңгала карай сүйлөдү. - Кенжегүл өлгөндөн кийин гана өгөйлүгү айтылып жатпайбы, ага чейин оюндагыдай чоңойгон кыз кайдан билсин, ойногусу келип чыга берет, - деп калды.

- Атасы кайда кыздын?

- Ал шаарга кетиптир, ала турган аялы аны "шаарга келбесең айылга эч качан барбайм" деген имиш.

- Төрөгөн балдарычы?

- Эки эркек баласы жаш да, кызы төрткө чыкканда зорго төрөгөн, кичүүсү эмчекте калды.

- Кыз-зык, эми бул кыз эмне болот? - деди Өмүрбек ойлуу.

- Эмне болмок эле, эптеп чоңоет да, - деп койду Мадыл кайдыгер.

Өмүрбектин жүрөгү тыз этип сайгылашып кетти: "Эптеп чоңоет да, демек менин кызым бирөөнүн колунда кордук көрүп чоңоюп жатса, билип туруп билмексен болуп кантип чыдайым" деген ойдо үнсүз гана Мадыл менен коштошпостон жөнөп кетти, анын бул акыбалына таңгалып кала берди. Ошондон баштап ойго чөмүлгөн Өмүрбек машакаттуу өмүр сүрө баштады. Көз алдынан көздөрү жайнаган Кенжегүлдүн өзүнө окшош сербейген кыз кетпей күндүр-түндүр уйкусу качып кыйналып да, жүдөп да кетти. Чачыкей да эч нерсе дебеди, ого бетер зымырайды.

Өмүрбек минтип жашай албасын сезди да бир күнү Чачыкейдин жасаган тамагына кашык салып ичмек болуп отуруп ойлуу аялын карап:

- Чачыкей, мен сени менен бир кеңешейин дедим эле, - деди.

- Айта бер, кулагым сенде, - деп Чачыкей дагы аны сезип тургандай кайдыгер үн катты, - Менин колумдан келээр иш болсо…

- Чачыкей, сени мен чын дилим менен түбөлүк жашайм деп алгамын, эгер каалабасам балалуу болбой жүргөндө ажырашып кетмекмин, - деп Өмүрбек ойлуу аны тике карады.

- Мен сенин жөн гана жактырып алган аялыңмын, а сен менин чын жүрөгүм менен сүйүп тийген эримсиң, ошондуктан баарына чыдап отурам, эми да чыдайм, айта бер сөзүңдү!

- Мындай Чачыкей, менин Кенжегүлдөн туулган кызым бар, эгер макул десең Ажарды колубузга алсак кандай болоор экен.

- Аны бизге береби?

- Берет, сен макул болсоң башкасын мага кой, кудай жалгагыр, - Өмүрбек туруп келип Чачыкейдин колунан кармап тизесине жөлөнө чөгөлөп турду. - Бир өмүр сенин сөзүңдү эки кылбай, айтканыңды аткарууга даярмын, жок дей көрбө, кызганычты, кекти өзүңдөн алыс кетир, жаным…

- Өмүрбек, мынчалык бүжүрөбөй эркектей токтоо болчу, - деп Чачыкей аны колтугунан сүйөй диванга алып барды. - Мен баарын билем, өзүңдөн угайын деп күтүп жүргөмүн…

- Кантип? - деп Өмүрбек аялын жылмая сүйкүмдүү карап ыраазы боло кучагына кысып, өөп алды. - Акылманым, ырысым менин, ушундай күндө мага жөлөк болчу ардагым менин, өмүр бою ыраазымын сага!

Экөө тең унчугушпай калды. Өмүрбек өз оюн аткарууга мүмкүнчүлүк болбой арадан эки жыл өтүп кетти. Ал аргасыз Мадылга ачык айтмак болду, акыры аны менен жолугуп болгонун болгондой кылып айтып бергенде Мадыл аябай таңгалды.

- Демек ошондой экен да?

- Ооба досум, сени менен таанышып атайын үйүңө келгеним да ошондон, эми сен Гүлзина экөөң мага жардам бересиңер, - деди аларды карай.

- Кантип? - - деп тигил экөө аны таңдана карашты.

- Ушинтип эле… - деп Өмүрбек экөөнү алмак-салмак карай өз оюн айтып, кызды өзүнө чакырып берүүсүн өтүндү.

- Кокус билип калса биз менен урушат да, кызга ого бетер күн көргөзбөй калат го?

- Андай болбойт, мен ага адегенде өзүмдү таанытам, азыр эсине кирип калды, уккан сөзүн билип тургандыр. Мени адегенде жерийт, анан көнүп калат, силер жардам бергиле?! - деди жалдырай.

Эрди-аял бири-бирин карай аргасы кете туруп калышты. Анан Гүлзина чечкиндүү түрдө:

- Мен макулмун, кыздын кордук көргөнүн көрүп-билип туруп чыдабай кетем, мен даярмын! - деди.

- Ыраазымын! - деп Өмүрбек ордунан тура калып сүйүнүп, ары-бери басты. - Жок дегенде өзүмө тартып, имерип алсам…

- Кам санаба! - деп Мадыл дагы ага боору ооруй сөз берип турду. - Энеси барда көпөлөктөй болуп жүргөн кыз жүдөп кетти.

Бир жумадан кийин келип үйдө отурду Өмүрбек. Анткени ошол күнү Ажар жеңеси экөө эле болчу, сыртка чыгып ойноп жүргөн кызды Гүлзина жанына чакырып алды. Кыз Гүлзинага келип:

- Эже, эмнеге чакырдыңыз? - деп тура калды, анын кийген кийими да жүдөө, эскирип калган.

- Жүрү биздин үйгө, - Гүлзина анын башынан сылай ушинткенде кыз көздөрүн бакырайта бейкапар балалык байоо көз карашы менен эч нерсеге түшүнбөй аны ээрчий басты.

Кирип келип чоочун адамды көрө тарткынчыктай босогодо туруп калды.

- Мен кетем, эже…

- Ажар, сен апаңды жакшы көрчү белең, мына бу киши Кенжегүлдүн тагасы экен, сени көргөнү келиптир!

- Апамдынбы? - Кыз көздөрүн бакырайта Өмүрбекти карап туруп калды. - Сиз апамды билесизби?

- Ооба, мен апаңды билем, сени көрөйүн деп келбедимби? - Өмүрбек кызга жетип кучактап көз жашына ээ боло албай, - кызым менин, садагам… - дей берди, жыттап, өөп кое бербей.

Наристе үн катпай чоочун адам ыйлаган сайын ал да ыйлап:

- Мен апамды сагындым… - деп жатты.

- Атаңдычы, атаңды жакшы көрөсүңбү?

- Атамды жакшы көрчүмүн, эми жакшы көрбөйм, ал менин атам эмес! - дегенде Өмүрбекти бирөө бычак менен жүрөккө малып алгандай болду.

- Эмнеге, эмнеге андай дедиң? - деп токтоо сурап кыздын жүзүнө үңүлдү.

- Чоң энем айткан, "сенин атаң башка, менин балам сага ата эмес" деп…

Экөөнү карап турган Мадыл менен Гүлзина таңгалды. Бала болсо да сөзгө түшүнүп калганына. Өмүрбек өзүн токтото: "Демек, кызымды алып кетсем болот экен, эми бул жерге бир мүнөт койбойм" деп турду. Анан Ажарды чекесинен өөп, колуна акча берди:

- Көрсөтпөй бирдеме алып же.

- Макул, - Ажар башын ийкеп койду.

- Таене-таятаң келип турабы?

- Жо-ок, таятамды өлүп калды деген болчу.

- Мейли эми сен бара бер, мен дайыма келип турам, - деди Өмүрбек бетинен өөп сыртка чыгара.

- Жакшы калыңыз! - деп Ажар жүгүрүп чыгып баратканда аны издеп, эки жакты карап турган жеңеси утурлай басты:

- Аякта эмне кылып жүрөсүң, мен сени издеп жатпайынбы?

- Жөн эле… - деп Ажар секире жеңесине жетип, колунан кармай кетип жатты. Ал Шадыбектин иниси Казыбектин аялы Сезим болчу. Ажарды жакшы көрөт. Кайненеси аны урушуп тилдеп оор жумуш жасатканын көргөндө ичинен боору ооруп өзү жардам берип кошо жасашчу. Эми аны курбусундай колтуктап үйүнө кирип баратты:

- Сен коңшунун үйүнө кирбей жүр, энекеңди билесиң го, ал билип калса жаман көрөт.

- Жеңе, эмнеге энем мени жаман көрөт, коңшунукуна кирсе болбойбу?

- Болбойт.

- Айтсаңыз, эмнеге жаман көрөт?

- Билбейм Ажар, мен да түшүнбөйм… - Экөө эми киргенде короодон кайненеси Салкын көрүндү, алар бөлүнө карап туруп калды. Ал чоюла басып келатып эле Ажарды жаман көзү менен карап:

- Эй кыз, мен жоктон пайдаланып ойноп жыргап калдың да ээ, - деди келбей жатып заарын чача. - Үйдү тазалап койбойт белең?

- Таза эле го эне, сабак окуйм… - Ажар башын жерге сала дулдуйду. - Эне, мени жаман көрбөңүзчү?

- Иий өлүгүңдү көрөйүн арам десе, балама кыз бойдон келбей сен жалаңкычты ала келгенде сенин тагдырыңды шордуу энең ойлоду бекен? Таенең келсе кошуп берем, ага чейин сабак окумак турсун эч жакка барбайсың. Пайдасы жок бирөөнү бага бергидей байлыгым ашып ташкан жери жок!

- Апа, кичинекей кызды мынчалык кылбай эле койбойсузбу, эмеле чоңойсо сизге пайдасы тиейээр… - деп Сезим кайненесинен тарткынчыктай бош сүйлөдү.

- Сен өз ишиңди кылчы ай келин, менин ишиме киришпе!

- Өзүңүз билиңиз, болбосо тезирээк бериңиз да, - деп Сезим тез-тез баса кирип кетти.

- Омэ-эй мобуну кара ой, сенин кандай ишиң бар ыя? - деп Салкын силкине келининин артынан карап туруп анан кайра Ажарга асыла кетти. - Арамдан туулган неме кимге жакшылык кылмак эле? Балам минтип үйдөн безди, болбосо биерде болмок. Ансыз да "көзүмө көрсөтпөй жогот" деп атат сүйлөшкөн сайын. Аялы менен келсе анысы да кетем деп жүрбөсүн, бирөөнү бирөө сүймөк беле?

Ажар кирбеңдеп суу чачып жатты, улам чакага суу алып келип чачып жатып бутунун баары суу болду, баскан жери жармашып ылайланып көптө барып анан суу соруга баштаганда шыпырып кирди. Ал эшиктин алдын шыпырып болгуча күүгүм болуп кетти. Ал сыртта жүргөндө Салкын келин-уулу менен тамактанып алып, дасторконду жыйып койду. Ажар кирип идиш жууп, анан тамак куюп ичмек болуп жатканда Сезим ага акырын:

- Биерден ичпе, биздин бөлмөгө кир, кокус апам көрсө урушат, - деди да ээрчитип өздөрү жаткан бөлмөгө кирди эле, күйөөсү Казыбек:

- Аны эмне ээрчитип кирдиң? - деди сүйүңкүрөбөй.

- Бала да, ичип алсынчы, карды ачты го?

- Ичсе тигил жактан ичсин, чыгарчы ары!

- Койчу Казыбек, бул деле бала да, кокус мен бирдеме болсом биздин балабыз да ушинтип калбасын?

- Ушунун эле өзүнөн кетпесин! - деп Казыбек аялы менен айтышкысы келбей ары карап жатып алды.

Ажар буларды угуп туруп батынып иче албай кайра чыгып бир аз шам-шум этип анан жатып алды. Ал эми жатаары менен Салкындын үнү чыкты:

- Эй шүмшүк, жамбашың сынгансып жаталак болбой камыр жууруп жат!

- Эне, көп камырды жууруй албайм да?

- Өлбөйсүң, жууруп кой, менин башым ооруп турат, - дегенин Сезим угуп тура калып өзү жуурмак болду эле күйөөсү тургузбай койду:

- Сени айткан жок, жеген-ичкенди билет, өзү жууруйт, көнөт да?

- Ушу тогуз-ондогу эсине кирелек кызга эмне мынча асылып калдыңар билбейм. Кое берчи, катуу же суюк болуп калса мага да сөзү тиет апамдын, - деп Сезим болбой ордунан туруп чыгып келсе Ажар суу коюп коюп, ун элеп жаткан экен. Сезим электи анын колунан алып өзү элеп анан камыр жууруду:

- Жеңе, сиз жакшысыз ээ, апам өлбөгөндө ал дагы сиздей жакшы болчу, - деп Ажар жашын аарчый Сезимди карады.

- Сен дагы жакшы кызсың, ошон үчүн сени мен жакшы көрөм да? - деп Сезим аны жылмая карап күлүп койду, - Сулуу кызсың, акылдуусуң.

- Чын элеби? - деп Ажар кудуңдай колу камырда эңкейип тоңкоюп жаткан Сезимди чоп эттире өөп койду, - Сиз дагы сулуусуз, жеңе.

- Койчу, чын эле сулуу бекемин?

- Ананчы?

- Рахмат, Ажарка!

- Сизди жакшы көрөм! - деп Ажар ушул азыр дүйнөдөгү эң жакын адамы жалгыз гана Сезим деп сезип жүрөгүнөн, балалык сүйүүсүн чын дили менен айтып турду. - Мен сизди аябай жакшы көрөм!

- Мен дагы сени жакшы көрөм!

Камырын жууруп бүткөндөн кийин жылуулап жаап коюп, Сезим менен Ажар анан өз-өз жатчу бөлмөлөрүнө бөлүндү. Ажар шырп алдырбай кирип жатып калды, анын дабышын тыңшап турганбы, Салкындын үнү селт эттирди:

- Жонумду ушалап берчи!

- Азыр, - деп Ажар туруп барып илбийген колдору менен анын жонун, колдорун ушалап жатты.

Үргүлөп кетип колу ийиле түшүп ооруп калды:

- Өлбөгөн өлүгүңдү көрөйүн итирейген, бар жатчы балакетимди албай, көзүң кашайып уйкуң келип өлгөнү жатсаң! - деп Салкын кызды түртүп ийди.

Ажар ызаланып ыйлап бүк түшө ордуна жатып солуктап жатып уктап калды.

Кайрадан окшош күндөр өтүп жатты.

Өмүрбек бул кезде Кенжегүлдүн атасы өлгөнүн кеч уккан болуп атайын бата кылганы барды. Апасы Кумаш аны көргөндө эле бирдеме айткысы келип, бирок айта албай жатты. Кетээрде аны ээндете кошо чыгып:

- Өмүрбек, Ажар жөнүндө билесиңби? - деди.

- Аа-а билем, билем.

- Анда аны колуңа албасаң болбойт…

- Кантип, сиз эле жардам бербесеңиз…

- Сүйлөштүк балам, аны биерге алып келип коем, кабар алып тур! - деди.

Бул убакта Өмүрбек районго көчүп келип кызматка туруп калган.

Чачыкей өзүнчө ойлонуп: "Кызы келсе ого бетер Кенжени унутпай мен азапка калам го. Деги ушундан кутулганым жакшыдыр, соо жанымды оору кылып өзүм да кыйналдым, мен аны сүйдүрөм деп жүрүп сүрсүп бүтөм го" деп кыжаалат болуп жүрдү. Бирок Өмүрбек кызы жөнүндө ооз ачпады же алып келбеди. Чачыкей дагы унчукпады. Күнүмдүк тиричилик жөнүндө кепке келип мурункудан ачылып балдарын эркелетип эртели кеч жанында айрыкча Тойчуну жакшы көрүп эркелеткени да Чачыкейге жакпай өзүнчө кызганып кетет. Сыртына чыгара албай… "Өз баласын анча жакшы көрбөгөнү эмнеси? Эгер мени сүйсө мындай болмок эмес" деп ойлоп алат. Өмүрбектин көңүлү ачылып калганына: "Балким кызын бербей койгондур, же ага жардам берип жаткан чыгаар, эми ага болгонун берип турса мен эмне элден кемип каламбы, башкалардай болуп эки жакка алып барбаса, же жаркылдата кийинтпесе, мен мындан коркуп жашайынбы?" деп да жини келчү болду.

Антип-минтип убакыт өтүп, Чачыкейдин экинчи баласы боюна болуп калды. Өмүрбек ушунда бир ийиди.

- Чачы, сен эс алышың керек, боюнда бар аялдардын көңүлү ачык болуш керек, сен мага денсоолугу таза уул төрөп бересиң, - деп аны аячу болду.

- Кайдан, эки бала тең жаш, Тойчу го өзү менен өзү ойноп жүрө берет, Эдилди карабаса ар жакка кетип калат, - деди Чачыкей күйөөсүнө эркелей.

- Башкысы сен капаланбашың керек, мен сага өзүм жардам берем, - деп Чачыкейдин ичин сыйпалап эркелете өөп коет. Ушул учурда өзүн эң бактылуу аял сезип кетет ал.

Экинчи уулун кычыраган кышта төрөдү. Өмүрбек эки баласын машинасына салып алып күндө келет. Чыгаарда апасы келди. Айша келинине ыраазы болуп, өзү эки-үч күн карап анан кетти. Анткени күйөөсү ооруп жаткан. Райондун борборунда жашаган уул-келинине тез-тез келе албайт. Экөө тең карып калган. Өмүрбек атасы ооруп жаткандан бери айылга барып көрүп келип турчу болду. Билинбей тиричилик менен алпурушуп жатып убакыт өтүп жатты. Тойчу экинчи, Эдил биринчи класска барып калганда Өмүрбекти айылга ата-энеси шашылыш чакырыптыр, ал кеч жөнөдү, жумуштан чыгып үйүнө келди да Чачыкейге айтып коюп жөнөп кетти. Ал келгенде атасы Калыкбек ачууланып отурган экен. Уулун көрүп токтоо үн катты:

- Бул эмне деген шермендечилик, эмнеге ошол кезде айткан эмессиң, бечара кызды санаага салып убалына калган экенсиң да, бар да кызды алып кел!

- Ата, мен айтканда силер болбой койдуңар го? - деп Өмүрбек атасынан ыйбаа кыла башын сыйпалап туруп калды.

- Ачык айтпайт белең, "боюнда бар, ал менин балам" деп, ушул кантип болсун? Кечээ Кумаш небересин жиберип ийген экен, чоочуп кетипмин.

- Болсо болгондур атасы, андан көрө ишиңди кыл, ырым-жырымын жасап анан алып келели неберебизди, - деп Айша чалын тыйган болду.

- Эк, азыркы балдарга түшүнүп болбойт, эмне кылып жатканын өздөрү да билбейт, - деп Калыкбек наалый эшикке чыгып кетти.

Эртеси эрте бир кой союп, таттуу-паттуусун алып Кенжегүлгө куран окутуп, анан Ажарды алып келишти. Кыздын тикчийе караган көздөрү, кара кашы кадим эле Кенжегүлгө окшош эле. Айша аны көкүрөгүнө кыса жыттап койду.

- Көпөлөгүм десе, мындан ары өзүм менен болосуң, ээ?

- Ооба… - деп Ажар аларды таңдана карап башын ийкеп койду.

Өмүрбек өзү алып кетем деп айта алган жок. Ата-эне өздөрүнчө: "Аялы буга өгөйлүк кылып жүрбөсүн, андан көрө өзүбүз эле бага берели, кыз баланы кор кылып коет" деп кеңешишкен эле. Ошол бойдон Ажар чоң-ата, чоң-эненин колунда калды. Кордогон жаман сөздөрдөн кутулганына ичтен кубанып, чоң энесин айттырбай өзү эле тепилдеп жумуш жасап жүрө берет. Балалык оюнда "эгер жөн отуруп алсам урушат го" деп ойлоп жүргөн, бир күнү сабагын окуп отурган. Айша акырын кирип анын артына келип:

- Кызым! - деди эле Ажардын колундагы китеп түшүп кетип, отурган жеринен тура калганда Айша аны кучактай калды. - Эмнеге чоочуп кеттиң, кызым?

- Коркуп кеттим…

- Эмнеден садага, коркпой жүр да?

- Тиякта мени окутпай уруша берчү… - деп Ажар жер карай жооп берди. - Сизди да урушат экен деп коркподумбу?

- Кумашпы?

- Жо-ок, Салкын чоң энем.

- Кудай ургур десе, тырмактай неменин эмнесин урушат? Акылы жок аял окшойт, сен менден коркпо кызым, уктаганда уктап, ойногондо ойно, сабагыңды даярда, өзүм жетишем, анан калса жеңең турбайбы, ал сени иш кылдырбайт, уктуңбу кызым?

- Чоң эне-е! - деп Ажар ошондо эрээркеп ыйлап Айшаны кучактап калды.

Айша он бир жашар небересинин айтканына жүрөгү сыздап Салкынды тааныбаса дагы жек көрүп жатты: "Жуксуз өлүгүңдү көрөйүн десе, менин тукумумду кордогонун кара, мурунураак билсем эбак алып алмак экемин" деп ойлонуп кичи уул-келинине, Ажардан чоңураак неберелерине акырын:

- Ажарды капа кылбагыла, энеси өлгөндөн кийин кордук көрүп калыптыр, көп жумшабагыла, - деп жатты.

- Ой апа, Ажарды жумшагыдай эле ошончо жумуш кайда, кантип эле капа кылмак элек? - деп уулу Темирбек күлүп калды.

- Ошентсе да айтып коеюн дедим да, - деп, Айша кыздын айтканын, өзүнөн чоочуп кеткенин айтып берди.

Уул-келини Айшаны тамашалай күлүп калышты:

- Ажар ырас келди, аны күтүп, көп жумуштар турат, эрте тургузуп, кеч жаткызып, эс алдырбай жумшайлы.

- Акырын эми, угуп калбасын, - деп Айша ого бетер үнүн пастатты.

Ажар биерге келгени окуп калды, кирсе чыкса өзүнө асылып какшанган Салкын жок, жеңеси Гүлзинаны эстегенде көргүсү келип кетет, бала болсо дагы жакшы айткан адамга боор тартат эмеспи. Гүлзина Ажар кетип жатканда узатып чыгып бетинен өөп: "Ажар, жакшы бар эми, чоңоюп бактылуу бол, мени унутпа" жеп жөнөткөнү эсинде.

Өмүрбек Чачыкейдин:

- Эмнеге чакырыптыр? - деген суроосуна ойлонуп туруп жооп берди.

- Ажарды алып келдик, аны атамдар өзүбүз багабыз деп алып калды.

- Аа-а, биякка деле алып келсең болмок, мен үчөө менен кыйналып калдым, кыз бала кол арага жарап калса мага жардам берет эле…

- Эми кары кишилерге бирдеме деп болобу, анын үстүнө бизде кыз жок, үч эркекпиз, баарыбыздыкы тең эркек балдар. Кыз баланы жакшы көрүшөт, мен аны алып кетем деп айта албайм го?

- Мейли эми, чын эле сен алып кетем десең таарынышат, карыган кишилер тарынчаак болот, - деп Чачыкей эс ала түштү, сыр билгизбей ичинен кубанып алды: "Дегеле жакшы болду, анысы биерге келсе дагы уруш-талаш болмок" - деп ойлоп алды.

Ошентип бактылуу жашоонун балын татып, өмүрдүн кызыгы эми башталгандай, Өмүрбектин көңүлү жайлана түштү. Тойчу анча-мынча кол аякка жарап калгандан бери ителеп жумшай коет, бирок ал өтө тың. Кээде өзүнүн галстугу менен көйнөктөрүн, байпагын өзү жууп алат. Чачыкей эки баласынан чыгалбай калганда Тойчуну жумшап суу ташытат, жалаяк жуудурат. Түшкө жакын жеңин түрүп алып жалаяк жууп жатса Өмүрбек келип калды.

- Уулум, эмне кылып атасың? - деди ал таңгала.

- Жалаяк жууп атам, бөбөгүм ыйлап аны апам карап жатпайбы, мен жардам берем да.

- Сен жалаяк жууй аласыңбы? - деп Өмүрбек уулун карап күлө үйгө кирсе баласына эмчек салып жаткан бойдон Чачыкей уктап жаткан экен. Жөтөлө кирди да, - Бу сенин кылганың кантип болсун, ушуга кир жуудурбай эле койбойсуңбу?

- Эмне кылайын анан, келээриң менен арызданып калдыңбы?

- Өзүм көрүп турбайынбы, баланы ага каратып туруп, өзүң жуу мындан кийин.

- Ооба, өзүм эле жууйм, - деп Чачыкей унчукпай калды: "Балээ болду, өз балама деле жумуш жасатмакмын да, эмнеге ушинте берет? Обу жок эле болуша берчү болду" - деп кыймылдап жүрүп ойлонуп жатты.

Өмүрбек абдан боорукер жан, Тойчуну өзү жакшы көрөт, анын ата-энеси өлүп көз алдында томолой жетим калганы жүрөгүн оорутчу: "Ата-энеси болсо бул деле эркелеп чоңоймок, багып алганга жараша адам катарына кошушум керек, жалтаң, коркок, тартынчаак кылбай өстүрөйүн", - деп ойлой турган. Аны Чачыкей кайдан билсин, көпчүлүк эле пенде катары өзүн гана ойлоп өзгө менен кээде иши да болчу эмес. Кызганып, ичи күйүп, ызалангандан башка эч кандай жакшы ойго келчү эмес. Өмүрбектин гана кысымы менен жашоого моюн сунуп тынч жашаганга аракет кылбаса, бир көр пенде эле… Чачыкей өзүнчө бир күнү ойлонду: "Кенжегүл төрөгөн кызынын кандай экенин көрүп келейин, балдар менен барып келейин деп айтайын", -деп жумуштан келгенде ага минтти:

- Өмүке, макул болсоң Ажарды барып көрүп келбейлиби?

- Азыр кол бошобойт, кийинчерээк барабыз, азыр жазгы жумуш башталат деп жан калбай жатат, өзүм алып барам бир күнү.

- Өзүң бил, эгер мен барып көрбөсөм апамдар өгөй деген ушу да деп капа болушат го?

- Кое тур, азыр шашпа, бир күнү барып келебиз, - деп койду да: "Кандай эле аны көргүсү келип калды? Ага күйүп кетери кыйын, атайын сурап алган Тойчуну унчукпай койсом көз көрүнөө кордогону турат, Ажарды жакшы көрмөк беле, Кенжегүлдүн менден төрөгөнүнө ишенбей көргүсү келип жатса керек", -деп ойлонуп алды. Канткен менен бирге жатып уулдарды төрөп берген аялы эмеспи, ошондуктан көп созбой суроосун аткармак болду. Алар барабыз деп турганда Айша өзү Ажарды ээрчитип келип калды. Аны көргөн Чачыкей нез болгонсуп саамга үнсүз туруп калды да, анан кайненесинен уялгандай кызды кучактап өөп:

- Биз өзүбүз баралы деп турдук эле Ажарга учурашканы, озунуп кетипсиңер апа, - деди өзүн зордоп күлгөн болуп.

- Ээ, мейли, кызым экөөбүз өзүбүз келе бердик, - деп Айша келининин абалын сезе билмексен боло сүйлөдү. - Силер балдар менен чыга албасыңар, белгилүү эмеспи.

- Ооба-ооба…

- Өмүрбек жумуштабы?

- Ооба, жумушта эле…

- Мейли, биз эки-үч күн болобуз.

- Ажар, канчада окуп жатасың? - деп Чачыкей кызды карай суроо берди.

- Алтынчы класска көчтүм.

- Оо, чоңоюп калган турбайсыңбы?

- Садагаң кетейиним чоңоюп калыптыр, чоң энесин кубантып колумду узартып койду.

- Ананчы, кызыңыз бойго жетейин деп калган турбайбы? - деп Чачыкей дасторконун жайнатып, чайын коюп, тамагын жасап алдастап жатты: "Тим эле Кенжегүлдүн өзү тура, анан кантип Өмүрбек аны унутсун? өзү өлсө да мага азапты таштап кеткен тура. Оо кудай, бул эмне деген шылдыңың, өзүм сүйүп тийген адамым өмүр бою башка адамды ойлоп, башка бирөө үчүн күйүп жашаганы мен үчүн тозок эле эмеспи", -деп ашканасында жүрүп ыйлап алды.

Аргасыз эле ал, азыр басып да кете алмак эмес. Эки баласы томпоңдоп ойноп жүрөт, өз денесинен чыкпаса да апалап жанынан чыкпай отурган Тойчусу экинчи класс. Кантип, кайда барат?

Алар чогуу тамактанып отурганда Өмүрбек келип калды:

- Оо, апам келип калган го?

- Келип калдык балам, Ажарым каникулга чыкты, айылчылатайын дедим.

- Туура кыласыз, апа, - деп Өмүрбек Ажарга карады. - Кызым, окууларың жакшыбы?

- Жакшы, - деп Ажар жер карап жооп берди.

- Кызым, сен антип бизден тартынбай жүр, мен атаң болом, Чачыкей апаң болот, инилериңди карачы, сени карап жатат.

- Туура айтат Ажар, Өмүрбек сенин атаң болот, булардан тартынба кызым, биз чоң-ата, чоң-энеңбиз, бизге эрмек болуп жүрө бер кызым, өзүңдү оолактатпа, макулбу?

- Ооба… - деп Ажар Чачыкейди жал-жал караганда анын жүрөгү зырп эте, өзүн жаман сезип кетти:

- Ооба-ооба, кызым, өз үйүңдөй жүр, биз ата-энең болобуз, - деп зорго айтты.

Бала болсо да Ажар анын негедир башкача болуп турганын сезди, анын өзүн жакшы көрбөшүн сезип башын ийкей кайрадан жер карады. Өмүрбек Ажардын тартынчаактыгына зээни кейип турду, бирок анын өз карамагына өткөнүнө жаны жай ала тынчып калды: "Эми өзүмө каттатып алсам болду, тез-тез барып өзүмө жакшылап тартпасам өтө эле окчун болуп калчудай", -деген ойдо эки-үч күн Тойчу менен Эдилге кошуп машинасына салып көчөгө алып чыгып каалаганын алып берип ойнотуп жүрдү. Ан сайын туталанган Чачыкей кайненесинен тартынып сыр бербегенге аракеттенгенин кыраа кары сезип эле турду. Кетээринде бир сыйра кийим-кече, мектепке керектүүлөрүнүн баарын алып берип өзү жеткирди. Ал кайра келгенден кийин Чачыкей Өмүрбекти карап:

- Ажар Кенжегүлдүн эле өзү экен, ушунун сеники экени аныкпы же башкадан болуп калса сага жаба салган болуп жүрбөсүн? - деди аны кекеткендей үн менен.

- Эмне деп жатасың? - деп Өмүрбек Чачыкейди көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй карап туруп, жетип барып карыдан ала булкулдатып жиберди. - Дени кардың сообу деги, сен эмне деп жатасың?!

- Сен Ажарды Кенжегүлгө окшотуп эле алып алдыңбы деп ойлойм. Кандай башында билинбей эле, ал өлгөндөн кийин чыга калат?

- Эн-неңди! - деп Өмүрбек жаакка чаап-чаап жиберди аны. - Ушундай акылы жок аял белең? Он эки жылдан бери жашап жүрүп, сенин акылсыз экениңди билбептирмин. Эми сенин эчтекең кызыктырбайт, менин жүрөгүмдү сыздатпай жолуңа түш! - деп ары карап кетти.

- Билем ансыз дагы, сүйбөгөн тирүү жандан, өлүү Кенжегүлдүн элеси артык экенин. Жаныңда ысык-суугуңа чыдап, азап-тозогуңду көтөрүп күндөп-түндөп жаш кезимде өзүм сүйүп калганым үчүн өзүмдү күнөөлүү сезип жүргөнүм азбы?!

- Эк сенин сүйүүңдү! Сүйүүнү сүйбөй туруп сүйөм дегениң болбогон кеп, сен сүйбөйсүң, сүйсөң баарына акырына чейин чыдап, түшүнмөксүң!

- Ооба, сен үчүн менин сүйүүмдүн кадыры жок экенин да билем… - деп Чачыкей ого бетер кыйгачтап өчөшкөндөй албууттанып, ыйлап да жатты. - Качанкыга чейин жалдырап жашайм, качанкыга сенин алдыңда бүгүлүп жашайм? "Эми унутаар, мага аял катары эмес жүрөгүндө жылуулугу мага деген кымындай сүйүүсү бар адам катары карайт экен" десе, өзүңдү менден алыс кармап жокту ойлоп жанымды кейитесиң, мен темир эмес, адаммын го?!

- Чачыкей, сен мени такыр түшүнбөй койдуң, өзүң билчи деги, мейли балдарды да ал, деги мени тынч кой, мени да, өзүңдү да кыйнабачы! - деп Өмүрбек чыгып кетти.

Турган ордунда ыйлап турган Чачыкей бозоруп көпкө турду. Көзүндө жаш: "Неге өзүмдүн сүйүүмдү буга колко кылышым керек, мени да сүйгөн адам бар чыгаар" деген ойдо мелтиреп турганда Тойчу келип:

- Апа, ыйлабачы, - деп жалдырап ыйламсырады. - Апа дейм, ыйлабачы!

- Турчу нары! - Чачыкей аны түртүп ийди. - Ушу сенин да азабың өттү!

- Апа, апа дейм! - деп Тойчу ага ого бетер жармашты.

Аңгыча Эдил менен Эмил келди:

- Апа, эмнеге ыйлап атасың?

- Апа!! - деген уулдарын Чачыкей отура калып кучактап буркурап ийди. Тойчуну ары түртүп:

- Каралдыларым десе, силер үчүн баарына даярмын, өлсөм да силер үчүн жашайм! - деди.

Тойчу аларды томсоро карап туруп калды, ошол кезде Өмүрбек кирип келип аны байкады да, аны ары карай жетелеп кирип кетти:

- Уулум, капа болдуңбу?

- Жо-ок.

- Азамат, капа болбогун, ээ?

- Апаңдын ачуусу тарасын, ал сени деле жакшы көрөт, сен ага капаланбагын, макулбу?

- Макул, - деп Тойчу болбурай атасынын алдында отуруп калды.

Өмүрбек өзүнөн-өзү кыжаалат болуп, Чачыкейге катуу айтып алып кайра жүрөгү ооруп: "Өзүнө чала, болбогонду сүйлөй берет, кызганчудан кызганса боло, өлгөн неме ага эмне зыян кылды" деп тынч алалбай отура берди. Үй ичи эч ким жоктой тыптынч, муздак, көзгө комсоо көрүнүп заматта куту кача түштү.

Чачыкей сырттан киргиси келбей оо бир топко чейин отуруп, анан балдарынын уйкусу келип, үргүлөгөндө үйгө баш бакты. Өмүрбек Тойчуну алдына алып алганын көрүп, бир эсе дагы кызганып алды. Бирок эч нерсе дебеди. Карап коюп залга кирип жатып алды. Анын кыялын билген Өмүрбек дагы өчөшкөндөй Тойчуну жанына алып балдардын бөлмөсүнө жатып алды: "Не деген аял, өлгөн адамдан кызганган ушуну көрдүм. Сүйөм деп коет, эгер сүйсө сыйлайт эле го, мында жүрөк жок, жашаса жашасын, жашабаса жок, башка келгенин көрөөрмүн" деп ойлонуп жатып уктап калды.

Эртеси эрте туруп жумушуна кетип калды. Ал кеткенден кийин Чачыкей турду да балдарын тургузуп кардын тойгузуп коюп, эмне кылаарын билбей көпкө мелтиреп отура берди. Тойчу менен Эдил, Эмилдер ойноп кетти. Ойлонуп отуруп эч жыйынтык чыгаралбай үй ичин жыйнап жатканда курбусу Акынай кирип келди, жанында ээрчиткен эки жигит бар экен.

- Кел Акынай, сен адашып кайдан? - деп Чачыкей аны менен өбүшө учурашып калды.

- Жүрөм да, сендей досторду издеп, - деп Акынай күлө жооп берди.

- Келгениң жакшы, - Чачыкей тигинин жанындагыларына карай, - Келиңиздер! - деп койду.

- Саламатсызбы?

- Жакшы, киргиле үйгө!

Аларды залга киргизип болгон тамак ашын жайната коюп сыйлаганга өттү. Алар да бош келбептир, алып келгендерин столго коюп жатып Акынай:

- Аяш кайда, жакшылап бир таанышайын дедим эле, - деп Чачыкейди шакылдай карады.

- Ал жумушта, жолугам десең кечинде келбейт белең, - деп Чачыкей да күлүп калды. Ортодо койкойгон арак-шараптар көз жоосун алып, шыңгыраган хрусталь стакандарга куюлду, рюмкаларга суусундуктар толуп ар биринин алдында. Чачыкей курбусу менен стакан кагыштырып ичип отурду. Акынай күйөөгө тийе элек. Жанындагылар курсташтары экен, капысынан жолугуп калып ээрчитип келе берген. Бири Самат, экинчиси Адылжан. Төртөө бакылдашып көпкө отурушту. Чачыкейдин тамагы бышканча кеч болуп калды. Аңгыча Өмүрбек келип эшиктен келатып балдарын бир карап койду, үчөө божурашып ойноп отуруптур, ичи жылып кетти. Анан залдан бакылдаган үндөрдү угуп акырын баш бакты.

- Оо келгиле, меймандар! - деди анан босогону аттай кирип, Самат менен Адылжан тура калып ызаат кыла кол берип учурашышты. Акынай болсо:

- Кандайсыз аяш, сиз менен таанышайын деп эле курсташтарым менен келип калдык, - деп шакылдай кетти.

- Келгениңер жакшы, бу Чачыкей дагы зеригип жүрдү эле, жакшы болгон тура, - деп Өмүрбек отуруп атып күлүп койду.

- Ооба десең, зериккенди айта көрбө, үч бала менен… - деп Чачыкей оолжуй бир аз ичкенге кызый түшкөнү билинип турду. - Классташым келип жакшы болду да!

- Акылай, кандай анан, иштер жакшыбы?

- Баары жакшы, бир гана күйөө табылбай жатат, же менден коркуп жатышабы билбейм.

Күлүп калышты.

- Өзүң жактырбай жаткансың го! - деп Өмүрбек да ага тамашалай карады. - Сендей кызга күйөө табылбаса…

- Ошону айтсаң, Акынайды сүйбөгөн, көрбөгөн жигиттин көзү сокур, көөдөнү көңдөй да, - деп Чачыкей сөзгө аралашты. Ал бир топ кызуу эле. - Күйөөгө тийчи ай, тоюңа баралы!

- Алам деген болсо дароо кетет элем, ушу өзүм да кара далы болуп баратам!

Шатыра-шатман болуп көпкө отурушту. Чачыкей зорго бөлмөсүнө кирип жатып калды. Акынай анын жанына жатып, коноктор бөлмөсүнө жатышты. Өмүрбек үч баласын алып өзүнүн бөлмөсүндө эс алып түндү өткөрдү. Акылайдын мүнөзү ага жагып турду, кантсе да билим алып, эки жакты көргөнгө маданияттуу эле, көргөн жерде жаркылдап кабагы ачык жүргөнү, адамга жасаган мамилеси мурунтан жакчу: "Эмнеге Чачыкей ушулардай эмес, үйгө келсең кайдагыны эсиңе салып, чөккөн көңүлдү ого бетер чөгөрүп турат, аялдардын баары ушундай болобу же…" деп санаасы санга бөлүнүп аялынан көңүлү калып турду. Акынай кыргыз тили адабиятынан мугалим болуп иштөөчү. Кез-кез Өмүрбекке жолугуп калчу: "Балким Кенжегүлгө баш кошконумда башкача болмок беле" деп да ойлоп ийди.

Эртеси ал жумушуна кетип калды. Самат негедир Чачыкейге улам сөз ыргытып отурду. Ал туруп аларга чай берип кайра баш жазышты. Андан кийин Акынай Чачыкейди сыртка алып чыгып:

- Чачыкей, Саматтын сага көзү түшүп калыптыр, өзү бойдок, - деди эле, Чачыкей адегенде чоочуп кетти.

- Койчу, ал эмне дегениң, күйөөм турса мага анын эмне кереги бар?

- Сени эле Өмүрбек кайтарып туруптурбу, же ушул бойдон так өтмөк белең, такыр жазгырбай өткөн кимди уктуң эле?

- Болбойт досум, зорго таап алган балдарым бар, кудайдан коркоюн, - деп, бирок Чачыкей кайра саал ойлоно түштү: "Ырас эле эмне таптым, кадырыма жетээр эркек болсо ушундан келгенди көрсөмбү" деп ойлоно калды. Анын ойлоно калганын Акынай дароо сезди да, аны колтуктап алды:

- Досум, эркек деген эркек, эриң бербегенди ал берет, андан капаланып алып үйдө жинденип отурсаң сени ким аяйт? - деп жан-алы калбай жатты.

Чачыкей унчукпай койду. Самат анын жанына келип аркы-беркини сүйлөдү, чындап жактыраарын үч эмес, беш баласы болсо да багып алаарын айтканда Чачыкей муюуй түштү. Аңгыча түш болуп кетти, бир аз ала гүү болуп калышкан. Акынай үчөөнө карап кетүү керектигин айтты. Чачыкей менен коштошуп чыкмак болду, Чачыкей алар менен чогуу жөнөөчүдөй короонун эшигине чейин узатып барды. Самат кетээрде да анын жанына келип шыбырай:

- Чачыкей, эгер макул болсоң мен сага үйлөнөм, сени чын дилимден жактырып калдым, - деди.

- Болбогон кеп, эми үйбүлөмдөн азып-тозуп кайда бармак элем, андан көрө күйөөм бары жакшы, келип тургула!

- Чачыкей, мени бир азаптан сен гана куткара аласың, үйбүлөм жок, сен мага жагып калдың, колумда бар, ишим ойдогудай, - деп Самат ага шыбырап, - эч ким билбесин, эмки жума күнү сени райондук акимдин имаратынын артынан күтөм! - деди да басып кетти.

Акынай анысын билдиби же билбедиби, коштошуп жатып курбусунун бетинен өөп:

- Көрүшкөнчө! - деп жөнөп баратып колун көтөрүп койду.

Чачыкейдин санаасы санга бөлүнүп үйүнө кирди. Кечээги, бүгүнкү ичип койгонуна башы зыңгырай ооруп, дасторконду жыйнаштырмак болуп залга кирди. Эмелеги Саматтын сөзү кулагына жаңырып: "Эмне экен, мени сүйчү адам да чыгат экен, бул менин тагдырымдыр, жок дегенде төрөбөй жүргөндө болсо эмне. Мейли, көрө жатаармын, мени кордогон Өмүрбек да эсине келсин, жиним келсе атайын жүрүп алып, көзүнө көрүнбөсөм элеби" деп ойлонуп жатты.

Бул Акынайдын амалы эле, бирок ал Саматты Чачыкейге биротоло жармашат деп ойлогон эмес.

Дайыма бир калыпта жүргөн Өмүрбек Акынайга жакчу, өзү шайыр, ачык айрым болгон менен көп жигиттерге көңүлү келбей, өз курагынан өтүп бараткан Чачыкейдин жашоосуна абдан суктанчу. Баягыда өзүнө жолугуп алып:

- Күйөөнүн машакатынан көрө өз түйшүгүңдү тарткан сеники жакшы, күйөөгө тийип ким эле жыргап кетиптир, - деп калды Чачыкей.

- Кызык экенсиң, күйөөгө тийгенге шашканым жок дечи, бирок сенин күйөөң анча-мынчадан дурус эле го?

- Койсоңчу, качанкы Кенжегүл үчүн жинди боло тургансып тим эле үйбүлө менен иши жок, - деп Чачыкей жини келе сырын айтып келип, - мен ага жабышып тийсем экен, жүрөгүмдү оорутуп бүттү! - дегенин эстеп: "Демек экөөнүн ортосу абдан эле салкын экен, балдары турган менен бири-бирине сезим болбосо кантип жашамак эле" деп ойлоп калып, кийин Өмүрбекке жолдон жолугуп калганда ал өзүнө үзүлүп түшө мамиле кылып столовойго киргизип сыйлап, жал-жал караганда анын ошол турушу Акынайга жагып калган: "Эгер Чачыкейдин ордунда мен болгонумда муну жаркылдатып эр кылып алып жүрмөкмүн" деген ойго келген эле.

Чачыкей болжолдуу күнгө чейин өзүнө каранып, чачын оңдотуп, тырмактарын тегиздетип абдан даярданды. Болжолдуу күнү үйүндөгү балдарына чай берип отуруп, Тойчуга карап:

- Балдарды карап отур. Эмилди этиет кыл, көчөгө чыгып кетпесин, мен келгиче жолго чыкпай эшиктин алдына отургула! - деди.

- Макул апа, карап турам, - деп Тойчу башын ийкей жооп кылды.

- Эгерде атаң келип калса, "сиңдиси менен кетти" дегин, уктуңбу?

- Ооба, уктум.

- Анда тынч үйдүн алдында отуруп тургула, - деп Чачыкей көңүлү жайлана чыгып кетти.

Аны Самат чыдамсыздык менен күтүп жаткан экен. Өзүнчө толкундана калчылдаган Чачыкей аны менен учурашып бир аз турушту.

- Самат, мен сенин айтканыңа макулдугумду билдирип келгеним жок, сени тыйып коюш үчүн келдим, үйбүлөм, мончоктой балдарым турганда, мени кудай урбайбы?

- Чачыкей, мен сени менен түлкү куумай ойногум келбейт, бир сүйлөйм. Эгер макул болсоң кор болбойсуң, чын дилимден сүйүп калдым! - деп Самат аны бекем кучактап талдын далдоосуна көпкө турду.

- Эмне кыл дейсиң? - деп Чачыкей аргасы кете жигиттин көзүнө тигилди. - Мени жылуу ордумдан козгоп жатасың. Шакаба болуп жүргүдөй алым жок, ушундайда оюнду токтотолу, мени тынч жайыма кой! - дегенде Самат аны колтугунан ала көздөрүнө тике карап туруп:

- Эгерде тынч жашайм десең жаңылышасың, мен сени эми тынч койбойм, сен мени менен кетесиң! - деди да бак ичине тартып кетти.Экөө ары кетип, бери кетип көпкө тартышты. Бир чечимге келише албай турганда Самат, - макул болбой турган болсоң үйүңдөн кетпей туруп алам, ошондо көрөсүң! - деп басып кетти.

Чачыкей селдейе: "Ырас эле бул мени сүйүп калган экен, кандай кылсам? Өмүрбек менен өмүр бою кыжылдашып сүйүүмдү колко кылбай, мунун айтканына көнөйүн" деген чечимге келди.

Өмүрбек жумушуна келип алып да Чачыкейдин сөздөрүн эстеп, андан чындап көңүлү калганын билди. Андан ажырашууну ойлоп кандай кылып ажырашуунун амалын таппай убакыт өтүп жатты.

Арадан бир ай өтүп кеткен. Бир күнү үйүнө кеч келсе Тойчу Эмилди көтөрүп сооротуп жүрүптүр. Эмил бешке чыгып калган, абдан чыр эле. Эдил болсо экинчи класска көчүп, эсине кирип калган.

- Апаң кайда? - деди Өмүрбек келип эле.

- Билбейм, азыр келем деп кеткен.

- Качан кетти эле?

- Кө-өп болду, - деп Эдил жооп берди.

- Ким менен кетти эле?

- Өзү эле…

- Мейли, кетсе келет, үйгө киргиле балдарым, кардыңар ачтыбы?

- Ооба, - деп Эдил алдыга кирип баратып атасын карады. - Эрте менен апам тамак берген да…

- Ошол бойдон жүрөсүңөрбү?

- Мен газ күйгүзө албайм да, - деп Тойчу күнөөлүүдөй үн катты.

Чачыкей ал күнү келбеди. Эртеси да, анын эртеси да келген жок. Өмүрбек абдан таңгалды: "Кайда кетиши мүмкүн, балдарды таштап төркүнүнө бармак эмес" деп ойлогон Өмүрбек кайнатасыныкына балдарын салып барып калды. Алар беймаал балдары менен келген күйөө баласын көрүп чоочуп кетишти.

- Чачыкей келген жокпу? - деп апасы Алтын андан сурай неберелерин бирден алып өөп жатты.

- Апа, - деп Өмүрбек сөздү эмнеден баштаарын билбей туруп калды. - Сиз билбейсизби Чачыкейдин кайда кеткенин?

- Эмне дейсиң, балам? - деп Камбар сурап ийди. - Биз кайдан билмек элек?

- Чачыкей жокпу? - деп Алтын Өмүрбекке таңгала карады.

- Ооба, үч күндөн бери балдарды таштап коюп жок, кайда кеткени белгисиз…

- Кудай сакта-а, урушкан жок белеңер?

- Эмнеге урушабыз, мен кечке жумуштамын. Дагы жакшы, мен келбесем чиедей үч бала кантет эле?

- Кантип эле өзү кетип калсын, уруш-талаш болгондур. Жөн эмнеге чиедей балдарды таштап кетсин, бей себеп кетиши мүмкүн эмес эле… - деп Камбар мурутун сылай отуруп анан балдарды карады. - Апаң менен атаң урушкан жок беле? - деди күйөө баласына ишенбей сурап, - кеткенин силер көрдүңөр беле?

- Ооба-а, апам азыр келем деп кеткен, - деп Эдил жооп берди.

- Бизди ойноп тургула деген болчу, - деп Тойчу кошумчалады.

Алтын менен Камбар унчукпай калды. Өмүрбек алардын ишенбегенине ызалана жинденип, балдарын алды да жолго чыкты.

Бир ай дегенде үйгө кат келиптир. Аны алган Өмүрбек адегенде жаман абалда калды. Кат мындайча жазылыптыр. "Салам кат, эми, мен силерди аябай сагындым" деп келип анан, "Өмүрбек, ушунча жыл жалынып жашаганым жетээр, мени сүйчү адам бар экен. Мен эми гана бактылуу болгонумду сездим. Эми мени тынч кой, өзүмдү сүйгөн адамга жолуктум. Балдарды өзүң тарбияла, ылайыгы келсе үйлөнүп ал. Мен өз тагдырымды өзүм тандадым, "өзүң сүйгөнгө эмес, өзүңдү сүйгөнгө тий" деген сөздүн аныгын эми түшүндүм. Атамдарга өзүм кат жаздым, балдарың менен амандыгыңарды тилеп, Чачыкей" деп шашылыш жаза салган кыскача катты окуп, Өмүрбек шалдая отуруп калды. Бир чети кутулганына кубанса, бир чети балдарын аяп турду: "Эмне кылыш керек, кандай аял мага келе коймок эле, үч балалуу эркекке?" деп ойлонуп таң атырды. Эртеси эрте туруп айылга балдарын алып жөнөдү. Тойчу абдан зирек эле, ал атасына карап:

- Ата, апам келбейт бекен? - деп сурады.

- Кайдан билдиң, уулум?

- Сиз бизди айылга алып баратпайсызбы, эгер апам келсе барбайт элек да.

- Мурдуңду урайын десе, апаң бир күнү келет да, андан көрө инилериңди өзүң кара, макулбу? - деп күлүп койду Өмүрбек рулду ары-бери бурап, жолдон көзүн албай.

- Ооба, өзүм эле карайм.

- Азамат, сен чоңоюп калбадыңбы, мен өзүм келип алып кетем, жарайбы?

- Жарайт, - деп Тойчу компое карап койду.

- Окууң башталганча чоң энең, Ажар эжеңдер менен болгула, анан кайрадан чогулабыз балдарым, - деп Өмүрбек балдары үчүн ичтен эзилип турду: "Балдар болбогондо cенин керегиң да жок эле, ушулар үчүн гана ойлонууга туура келет" деп улутуна жаш баладай умсуна арт жагында келаткан эки уулун карап алды. Тойчу жанында. Айылга келгенден кийин шашылып балдарын түшүрүп эле, кайра кайтты. Ал ата-энесинин сурамжылап өзүн кыжаалат кылышын жактырбады: "Андан көрө сыр ачпай кете бергеним жакшы" деп жолдо зымырата кетип жатты.

Ал абдан ойлонуп өзүн таштап жиберди, аялынын таштап кеткенине намыстанды, кечкисин күндө столовойдон отуруп жалгыз ичип отурат да, үйүнө жөнөйт: "Мейли кетсең кете бер, балдар чоңоет, жүрөктөгү дарт кетет. Сен өзүң жалынып келесиң бир кезде, бирок кеч болуп калат анда. Туура кылдың, мен сени сүйгөн эмесмин, кайгымды унутуу үчүн, андан кийин жашоонун агымы менен жүрө бермек болгомун. Анткени Кенжегүлдүн кайрылып келбесин билгемин, анын жок дегенде жарыкчылыкта бактылуу болушун каалаганмын…" Өмүрбектин көзүнө жаш толуп, көз алдына Кенжегүлдүн бакырайган көздөрү жайнай түштү: "Ооба, мен Кенжегүлдүн гана элеси менен жашачумун, а сен үйүмдүн куту, балдарымдын энеси элең, аялдык бакытты көтөрө албадың" деп стаканды коюп, эсептешип чыга берди. Теңселе түштү, кызуу болуп калган эле…

Арадан билинбей эле бир жарым ай өтүп кетти. Бара-бара баарын унутуп, Өмүрбек өзүн жөнгө салып калган. Жумушуна барат, кайра келет, кыз-келиндер көп болгон менен көпчүлүк эркектер сымал жүргөндү каалачу эмес. Ошол арада кече болуп калды, өздөрү менен чогуу иштеген Мунира аттуу кыз күйөөгө тийип кеңсеге чакырыптыр. Көңүлдүү отуруштан чыгып машинасына отуруп жаткан.

- Кандай, Өмүрбек? - деген тааныш үндөн карай берип, ал Акынайды көрдү.

- Жакшы, өзүң кандай, Акынай?

- Баары жакшы. Аяш, иштериң жакшыбы?

- Жакшы эле. Акынай, жүрү үйгө, мен азыр тойдон келатам, бир аз үйгө барып отуралы.

- Ма-акул, - деп Акынай ойлонбостон анын жанына отурду.

Өмүрбек үйүнө киргизип машинасын токтотту да, эшигин бекитип, үйүнүн кулпусун ачканда Акынай билмексенге салып эле сурап койду:

- Аяш үйдө эч ким жок беле, Чачыкей балдар менен бир жакка кетти беле?

- Ооба, бир жакка кетишкен, кир чоочулабай эле, Акынай, - деп Өмүрбек күлүп койду.

- Кызык, ал жок болсо келмек эмесмин, - деп Акынай арсар ойдо калгандай босогону аттады.

Ал баарын уккан, ал тургай Самат экөөнө тилегин айтып барып да келген эле.

- Ушунда-ай аяш, классташың мени чанып күйөөгө тийип кеткен, анын айтымында сүйгөнүн тапкан имиш. Бактылуу болсун дегенден башка эмне демек элем, туурабы?

- Ошондой де, - деп Акынай залга кирип коомайлана отуруп калды.

- Жай эле отур, Акынай, экөөбүз сырдашып, кеңешип дегендей отуралы, - деп Өмүрбек аны жылмая карап муздаткычын ачса эчтеке жок.

Ал өзүнчө күлүп алды, көптөн бери үйгө эчтеке алып келбей калган. Өзү тоюп келип жатып алчу. Анан сыртка чыгып саатын карады: али эрте, дүкөндүн жабаар убактысы боло элек экен. Короодон чыгып анча алыс эмес дүкөнгө жетип тамак-алып келе калды.

Акынай жалгыз отура берип тажап кетип чыга калса Өмүрбек өзү эт туурап жатыптыр.

- Сен эмне убара болдуң аяш, эчтекенин кереги жок, бир аз эле сүйлөшүп отуруп анан кетишим керек, - деп Акынай ага ушинткенде, Өмүрбек:

- Койчу эми аяш, отура тур, эркектин иши ушул тура, мурда жасап жүрбөгөнгө… - деп кайсактап калганда Акынай шымалана отура калып өзү жасап кирди.

Өмүрбек ары боло берди. Колу колуна тийбей шыпылдаган Акынай тамакты арыдан бери жасап жиберип, чай кайнатып стол үстүнө койду. Өмүрбек анын ар бир кыймылын карап туруп өзүнчө ойго батты:"Кандай жакшы кыз, аялың мындай болсо арман болбос" деп ойлонуп калганда Акынай шакылдап аны сөзгө тартты:

- Өмүрбек, анан эмне кылайын деп жатасың?

- Азырынча эч нерсе…

- Балдарың айылдабы?

- Ооба, атамдарда.

- Үйбүлөнүн бузулушу дубал урагандай, кайра тургузуу кыйын, жаңы үй курсаң жаңысы жакшы да, жарык да болушу мүмкүн.

- Туура айтасың Акынай, - деп Өмүрбек аны ойлуу карап коюп стол үстүндөгү винодон эки бокалга куюп, бирин Акынайдын алдына койду, - эски тамды кайра курам деген жаңылышат, мурунку дубалга кийинкиси дал келбей оркоюп калат го, ээ?

- Эскинин курулушу эски да, андан көрө жаңысын куруу оңойго турат.

- Кел эмесе Акынай, ушу жакшы сөзүң үчүн алып коелу!

- Өмүрбек, ичпей эле коелучу? - деп Акынай аны сурана карады, - бүгүн үйдө коноктор болушу керек, алар эмне деп ойлошот, кара далы кыз болсом, келгендерге жакпай калбайын…

Акынай аны сырдуу жылмая карады.

- Эмне, жуучу келмек беле?

- Ошондой го, ата-энем "күйөөгө тий" деп эле кыйнап жатат, "жашың өтүп кете электе орун алып ал" дешет.

- Туура айтат, кыз күйөөгө чыгышы керек!

- Күйөөнүн машакаты көп, мен эркин болуп калгамын, Өмүрбек. Анан да эч ким жакпайт, көздү жумуп, ата-энемдин үмүтүн актап, иштеп жүрө берейин десем болушпайт.

- Акынай, ата-эне баласын бактылуу болсун дейт да, - деп Өмүрбек ойлуу бокалды кармай алдын тиктеп бир саамга унчукпай калып, анан сөзүн улады. - Деги өзүңө жаккан адам болду беле?

- Болгон, аны өзүм кылдым, окуумду бүтүп, анан бир-эки жыл иштеймин, күйөөгө чыкпайм десем болбойт, анан ага жиним келип "мен сени сүйбөйм!" деп урушуп койгом. Ошондон бир жума өтпөй ал үйлөнүп алды. Атайын мага келип: "Акынай, сен мени сүйбөсөң мен сени сүйдүм эле, жаңылыпмын. өзүмдү сүйгөн адамга үйлөндүм, кош бол, бир күнү өкүнөөрүңдү билем" деп басып кеткен… - деп Акынай ойлуу колундагы бокалды өйдө көтөрүп Өмүрбекке жылмая карап күлүп койду. - Мына ошентип арадан канча жыл өтсө да теңимди таба албай кара далы кыз болуп жүрөм.

- Балким тагдыр сени дагы бирөөгө жолуктураар. Шашпай тур, Акынай, тагдыр деген ошончолук сырдуу…

- Ким билет, мен да кудайдын жазганына тобо деп жашап келем. Мени сүйгөндү мен сүйбөйм, өзүм сүйгөн адам мени сүйбөйт. Кыскасы, бул маселе качан кантип чечилээрин билбейм, күтүп жүрөм.

Экөө түн ортосуна чейин кобурашып отура беришти. Тамак ичилип, вино түгөндү. Уйкулары келди белем, Өмүрбек отурган жеринде үргүлөп баштап бир аздан кийин уктап калды. Акынай аны карап отуруп: "Кандай жакшы адам. Чачыкей өз балдарынын атасы, кыз тийген эринин кадыр-баркына жете албаган, Саматтын кадырына жетмек беле" деп ойлонуп кайра чоочуп алды: "Аны мен бузган жокмунбу? Эгер мен Самат экөөнө жол ачпасам балким кетмек эмес" деп ойлонуп отурганда терезеден жарык түшүп таң аткандын белгиси катары ар түркүн куштардын сайрашы көңүл эргите ордунан туруп, Өмүрбекти эч нерсе билбей уктап жатканын карап турду да, үстүнө одеал жаап коюп, акырын үйдөн чыгып кетти.

Өмүрбек кеч ойгонду, ойгонуп эле өзүнүн креслодо уктап калганын көрүп, тура калып бөлмөлөрдү карап чыкты. Акынайдын кетип калганын билгенде кейип алды: "Акмакмын, аны алып келип алып уктап калганымды кара" деп эптеп шам-шум этип алды да жумушуна жөнөдү. Ал Акынай кайсыл мектепте иштээрин билчү эмес. Райондун борборунда үч мектеп бар, кайсынысында экени белгисиз. Жумушуна келип бир аз кагаздарын карап отурду да шефке кирип чыкты. Машинасына отуруп мектептерге барууга жөнөдү, үч мектепти түгөл кыдырып, Акынайды акыры үчүнчүсүнөн тапты. Акынай жаңы гана сабакка кирген, күтүп турду. Ал кирген класстын терезе тушундагы талдын көлөкөсүндө ары-бери басып турган Өмүрбекти улам карап коюп, Акынай сабагын өтүп жатты. Качан гана чыгууга коңгуроо болгондо, ал журналдарын чогултуп алып терезени дагы бир карап алып, директордун кабинетине барып, кагаздарын өз ордуна коюп сыртка чыгып келди. Аны көргөн Өмүрбек шашыла алдынан тосо жылмайып келе жатты.

- Оо кандай сулуу?

- Жакшы, өзүң кандай, уйку кандыбы, аяш?

- Кечирип кой Акынай, уктап калыптырмын. Чарчагандыкы го?

- Эч нерсе эмес, жумушка барбадыңбы?

- Барып уруксат сурап алдым.

- Ошончолук зарылбы? - деп Акынай күлүмсүрөп койду.

- Ооба, абдан зарыл, кана кайда баралы. Бир жерге барып түштөнүп албасак болбойт го? - деп Өмүрбек Акынайды карап колун көкүрөгүнө койду. - Сиздей сулууну тоотпогонсуп уктап калган айбымды тартышым керек.

- Макул, аяшым суранып жаткан соң жок дегеним болбос, - деп Акынай Өмүрбек менен жанаша басып барып машинага отуруп кетип жатып: "Кандай гана жакшы адам, эгер мага үйлөнөм десе сөзсүз макул болом" деп ойлонуп алды.

- Акынай, ресторанга кирелиби же үйдө эле жай отуруп сүйлөшкөнүбүз жакшыбы? - деп Өмүрбек кызды көз кыйыгы менен карап коюп, жолдон көзүн албай кетип жатты.

- Каалаганыңдай болсун, - деп Акынай ойлуу үн катты.

- Анда кеттик үйгө.

- Кеттик!

Экөө тең күлүп калышты. Көп өтпөй үйгө келишип, Өмүрбек машинасын эшиктин алдына токтотту да ээрчише үйгө киришти. Столго отургандан кийин Өмүрбек өзү билип тамак жасамак болуп газга тамак асты, андан кийин чай ичип, экөө сүйлөшүп отурушту.

- Акынай, - деп Өмүрбек андан көзүн албай ойлуу сөз баштады. - Мени түшүн Акынай, балким мени түшүнөөрсүң?

- Эмнени айтмаксың аяш, мынчалык алдастагыдай экөөбүз тең жаш эмеспиз, сүйлөй бер, - деп Акынай ага алакан жая жылмайып койду.

- Акынай, эгерде сен мени туура түшүнсөң баш кошуп алалы…

- Эмне дейсиң? - деп Акынай өзү күткөн сөздү угуп турганына ичинен өрөпкүй кубанып турса да токтоо карап жылмайып, - кайра айтчы, Өмүрбек?

- Мм… мени кечир Акынай, көңүлүңө туура келсе…

- Айта бер.

- Экөөбүз баш кошуп алсак…

- Жакшылап ойлонуп айтып жатасыңбы?

- Ооба, бардыгын ойлонуп чечкем, менимче туура болоор дейм, Акынай. Балдардан кам санаба!

- Эмне, балдардан дейсиңби, Өмүрбек?

- Ооба, негизи эле аялдар бирөөнүн баласын жакшы көрбөйт го? - деп Өмүрбек Акынайдын көзүнөн көзүн ала качып жер карады.

- Жо-ок Өмүрбек, мен андайлардан эмесмин, мага сенден мурун дал ошол балдар керек!

- Кечир…

- Болду, ашыкча сөздүн кереги жок.

- Акынай, менин жообумду качан бересиң?

- "Күйөө келсе кыз даяр" дегендей, мен сага күйөөгө чыгууга даярмын!

- Алтыным десе! - деп Өмүрбек тура калып кыздын жанына жетти да, эки колу менен аны жаагынан өйдө кылып, жүзүнө тигилди. - Ырас айтасыңбы?

- Калп айтып же тамашалап көргөн эмесмин.

- Анда сүйлөштүк, экөөбүз чоң той берип үйлөнөбүз. Кийинки жумада ата-энеңдин алдына барабыз, макулбу Акынай?

- Эрк өзүңдө.

- Сөз бүттү.

- Өмүрбек, Чачыкейге өз көңүлүң менен үйлөндүң беле?

- Ооба, Акынай, жаштык кылыпмын, ошентсем эле Кенжегүлдү унутам деп ойлогом, аны дилим менен алгамын, сүйбөсөм да жактырганмын…

- Кечирип кой.

- Эмнесине кечирим сурайсың Акынай, ал өз бактысын көтөрө албай кетти, бир аз түшүнүктүүлүк менен тура турса мен аны кор кылбайт элем го?

- Өмүрбек, чындыкты уккуң келеби? - деп Акынай аны көз токтото бир азга тиктеп ойлуу отуруп жооп күтүп калды. - "Эмне деген чындык?" деп турасың го. Ооба, сен күтпөгөн чындык бар менде, бирок аны уккандан кийин сен мени жек көрүп калышың мүмкүн…

- Маалкатпай ачыгын айтчы деги, ал эмне деген чындык экен? - деп Өмүрбек Акынайды таңдана карады. - Сени эмнеге жек көрүп калышым мүмкүн?

- Анткени Чачыкейге азыркы күйөөсү Саматты мен таап бергемин!

- Койчу, кантип эле?

- Ушинтип эле. Биринчиден, ал сени жамандап туруп алды, экинчиден мен сени башынан эле жакшы көрчүмүн… - деп Акынай жер карап отуруп калды. - Мына эми экөөбүздүн да бири-бирибизге жолукпай турган кез келди, мен кеттим Өмүрбек, кечир мени?

Ал ордунан туруп сыртка карай жөнөдү. Өмүрбек эмне кылаарын билбей делдейе саамга отурду да:

- Токто, Акынай! - деди. Кетип бараткан Акынай тык токтоду, артына кылчайган жок. - Токто, кудай жалгагыр…

- Эмне дегиң бар?

Ары карап турган бойдон үн катты Акынай.

- Туура кылгансың, ал экөөбүз баары бир жашай алмак эмеспиз. Качандыр бир кезде эки бөлүнмөкпүз. Чынында балдар гана кармап турган… - деп Өмүрбек жер караган бойдон сүйлөп жатты. - Боло турган ишти эртерээк чечип койгонуңа рахмат!

- Ошондой де… - деп Акынай эми бери бурулуп, анын жанына басып келди. - Мага нааразылыгың жокпу, Өмүрбек?

- Жок Акынай, эч качан! Ойлоп көрсөм эң туура иш болуптур, экөөбүз тең чайналып биринчи кадам таштай албай жүргөндө жакшы иш болду, - деп Өмүрбек өйдө болуп Акынайды карыдан кармап жылмайды. - Сен менден кетпе. Бир гана өтүнүчүм, өткөндү козгобосоң болду. Билесиң, Кенжегүлдөн бир кызым бар, өгөйлөбө, калганын мага кой!

- Ишендим, - деп Акынай Өмүрбектин көкүрөгүнө башын жөлөй, - өткөндү козгогон адатым мурдатан жок, - деп шыбырай кубанычтан көзүнөн жаш куюлуп турду. - Мен сени башынан жакшы көрчүмүн Өмүрбек, анан мени көрбөй Чачыкейге үйлөнүп албадыңбы?!

- Жинди десе, сен ошол кезде башка жакта эмес белең, мен өзүмдү алаксытуу үчүн гана шашылыш үйлөнүп алдым. Ошентсем эле баары жайында болот деп ойлоп жаңылыпмын. Кенжегүлдүн үч айлык боюнда барын да билчүмүн, экөөбүз эми үйлөнөбүз деп турганда агам өтүп кетип баары тескерисинен кетпедиби, аны ала качып кетти.

- Эч нерсе эмес Өмүрбек, башкысы сен менин жанымда болсоң болду… - Акынай анын көкүрөгүнөн башын тартып алып колдору менен сыйпалай тынчтандырууга өттү.

- Мен сени сүйөм, Акынай!

- Чынбы Өмүрбек, кайталап айтчы, кана кайра айтчы?!

- Сени, сени гана сүйөм, Акынай!

- Мен дагы, мен дагы сени сүйөм! Сенин сүйүүңө арзысам арманым жок, Өмүрбек!

Экөө көпкө кучакташып тура беришти. Анан чыгып газды караса эт шылынып калыптыр. Акынай өзү тамакты карап даярдап жатты. Аны жылмая караган Өмүрбек:

- Үйдүн кожойкеси өзүңө окшогон сулуу болсо, жумуш өзү эле бүтүп калат го дейм? - деп кызды артынан келип кучактап калды.

- Балким… - деп Акынай дагы ага жылмая жооп кылып наздана күлүп калды, - Өмүке, менин туугандарым мени азыр кыз эмес деп ойлоп калышты, ага да карабай эптеп төрөп ал дешкенин кантесиң? - Шыңк этип койду. - А менин өз каалаган адамыма арнап жүргөнүм бар экенин сезишпейт…

- Чын элеби, бийкеч? - деп Өмүрбек анын кулак түбүнөн жыттап койду. - Мен үчүн арнаганың болсо көрүндүгү чоң болот, а сен кыздардай кысынбай сүйлөгөнүң жакшы, бийкеч?

- Жашырганда эмне, мен ошондой тарбия алгамын, сага ошол мүнөзүм жакпаса таштоого туура келет.

- Жок-жок, жаркыным, мага дал ошондой ачык жан жагат, өмүрүм өткөнчө сага башымды ийип өтүүгө сөз берем!

- Андай болбо-ойт, - деп Акынай колу менен анын оозун басты, - эркек деген аялдан сөөмгө өйдө туруш керек, аялдын астында бүжүрөгөн эркек мага жакпайт! - Акынай башын чайкап андай дебей жүр дегенсип жатты. - Эркек, эркек бойдон калышы керек!

- Макул алтыным, макул, сен айткандай эле болсун, мени кечир! - деп Өмүрбек өзүнүн жеңилдигине ичтен жини келип, тайсалдай отургучка отуруп калды.

Экөө бирге отуруп тамактанышты. Ал күнү Өмүрбек Акынайды үйүнө жеткирип келди. Ошондон баштап жумушунан өзү тосуп алып, күндө сүйлөшүшөт, ары-бери басып сейилдешет, көңүлдүү эс алышат. Алардын сүйүүсү чыныгы сүйүүгө айланды. Өмүрбек ойлонуп кетет: "Менин Кенжегүлдү сүйгөнүм балалык эле тура, эми кабылдым чыныгы сүйүүгө, мени Акынайга жолуктурган Чачыкей!" деп жанында ийнине башын жөлөп бактылуу болуп отурган Акынайдын чачынан сылап койду.

- Өмүке, - деди Акынай отурган калыбында.

- Ийи…

- Сен мени чындап сүйөсүңбү?

- Ой жиндим десе, сени сүйгөнүм үчүн ар күнү жанымда жүрөсүң да. "үйлөнгөндө гана көрөйүн" деп сени аяп атпайынбы. Мага деп сактаганыңа тийгеним жок жаным, элге жүзүң жарык болсун дегеним бар…

- Ыраспы? - деп Акынай Өмүрбекти сүйкүмдүү жүзү албыра бир карап алды. - Мен сага өмүр бою ыраазымын!

- Мени сага жолуктурган жаратканга ыраазымын Акынай!

Дагы кучакташып, экөө үй ичинде бийлеп жатышты.

- Качан ата-энемдин алдына барасыңар? - деп Акынай назик үн чыгара сурады.

- Эртең айылга барып, атамдарга кеңешем да, сенин үйүңө жөнөтөм.

- Ма-акул… - деп шыбырап койду кыз, - Өмүке, мен сени кандай гана сүйөм дейсиң!

- Мен дагы, жаным…

- Биз эч качан бөлүнбөйбүз, ээ?

- Эч качан! - деп Өмүрбек кызды секин өөп койду.

- Балдарды алып келе бересиңби?

- Жо-ок, азыр кое туралы, Тойчу менен Эдилди окууга аз калганда алып келебиз.

- Мейли. Алар мени кандай кабыл алышаар экен, Өмүке?

- Сопсонун кабыл алат, алар азыр бала эмеспи, сен жакшы болсоң алар апалап калышат, эркем.

- Эркең болсом арманым жок, - деп Акынай назданып койду.

- Эркем, эрмегим, ардагым да сенсиң!

- Ыраазымын!

Экөө үчүн күндүн батып, таңдын атышы өтө тез болуп, убакыт бат эле өтүп жаткандай, сүйлөшүп сөздөрү бүтпөй, эркелеп махабаттын отуна бирдей жалындап күйүп ар бир мүнөт алар үчүн баалуу болуп турду. Арадан эки күн өтүп, Өмүрбек ата-энесине келип болгон окуяны айтып, Чачыкейдин катын көрсөттү:

- Ата, мен эми үйлөнөйүн…

- Тапканың барбы? - деп Калыкбек уулун сынай карады. Балдарды кор кылып албас бекенсиң балам, өгөй деген өгөй…

- Андай болбойт ата, Чачыкейге караганда билимдүү…

- Мейли, качан үйлөнөйүн деп жатасың? - деп Калыкбек ушинткенде Өмүрбек жым дей түштү, анткени ага ушул гана суроо керек эле…

- Сиз макул десеңиз кыздын ата-энесине барыш керек.

- Эмне дейсиң?

- Ал мурда күйөөгө тийбеген кыз, ошон үчүн ата-энесинин алдына барыш керек болуп жатат.

Ата бала көпкө кеңешишти. Анан Айша экөө Өмүрбек кете электе Сабырбектин үйүнө жөнөштү. Дал ошол күнү Акынай да келип калган. "Конок келди" дегенде жүрөгү дүкүлдөй терезеден карап бурчка тура калды. Калыкбек кемпири Айша, иниси Турусбек, анын аялы болуп төртөө бир жылкы жетелеп алып акчасын түйүнчөккө түйүп алып келишкен. Адегенде угуп Сабырбек Калыкбекти ормое карады:

- Калыкбек, бу сенин сөзүңө түшүнбөй калдым, келиниң Камбардын кызы эмеспи?

- Ошондой эле Сабырбек, келиним өзү кетип калган. Кызың менен уулум бири-бирин жактырат экен…

- Болуптур, мен Акынайдан сурайын, эгер өзү макул болсо менде сөз жок, - дегенде аялы Турсун туруп кетти.

Ал бат эле кайра келип, күйөөсүн карады да үнсүз гана башын ийкеп койду, демек кызы макул, Сабырбек түшүндү, эчтеке дебей конок камын көрдү. Калыкбек Өмүрбекти алдырды да Акынайга сөйкө салып анан кетишти. Ошондон көп өтпөй эле алар баш кошуп алышты. Өмүрбектин кубанычында чек жок. Айтканындай эле Акынай кыз экен, ага ушунчалык ыраазы болуп турду…

***

Тойчу келинчеги Нурмирага капысынан жолугушуп калып таанышышты да, аз өтпөй үйлөнүп алышты.

Ал мектепте окуп жүргөндө эле Назира менен сүйлөшүп жүрүшкөн. Кийин Тойчу Эмилдин Назираны сүйөөрүн билип калып: "Мен инимден кыз талашамбы, аргасыз өз сүйүүмдү курмандыкка чалууга туура келет" деп чечти да, ошол бойдон Назирага жолукпай койду. Анын үстүнө Назиранын ата-энеси да каршы болуп жатканын угуп калган. Селки кеч күүгүмдө келген кызын тозо чыгып тилдеп кирди. Ошол кезде узатып келген Тойчу баарын уккан.

- Сен кандай акылы жок кызсың ыя, ата-эненин намысын ойлобойсуңбу, кайдагы бир ата-тегин билбеген томолой жетимге тийип жыргайм деп жүрөсүңбү?

- Апа, жетим болсо эмне экен, ал деле адам да, ата-энеси жаманынан өлдү дейсизби? - деп Назира апасына жалдырай карады.

- Ийи, дагы эмне дегени турасың, деги ошол томолой жетимден күткөнүң эмне? - Ачуусу келген эне кызынын жалооруганын көрүп боору ооруп кетти. - Атаң укса экөөбүздү тең өлтүрөт.

- Апа, мен Тойчуну томолой жетим болсо да сүйөм, сүйөм, сүйөм!

- Эсиңе кел кызым, ата-теги ким экени белгисиз, эч ким билбейт алардын ким экенин.

- Мейли, азыр ата-энеси бар, Өмүрбек райондо кызматчы!

- Ой ал багып алган.

- Бакса да жетимдей кылбай жакшы баккан, демек ата-энеси бар! - деп Назира ички бөлмөгө кирип кетти. - Тарбиялуу, тартиптүү жигит. Кыскасы, апа, мен Тойчусуз жашай албайм! - Эшикти ачып башын чыгара айтты да кайра жаап алды.

- Эк кудайым ай, азыркы жаштарда уят-сыйыт деген таптакыр жок, "сүйөм-күйөм" деп эле турушат. Атаңа башкарма сөз кылыптыр, сени келин кылып алам дегендей оюн айтып.

- Ошонун баласына тийбейм! - деп Назира дагы баш багып айтты эле эне эмеспи, Селки кызынын токтоло элегине күлкүсү келе тим болду.

Назира апасын акырын карап туруп кубанып алды: "Апам баары бир мени түшүнөт, каршы болбойт" деп кубанычын Тойчу менен бөлүшүүгө жолугушчу жерге жетип барды. Ойлонуп турган жигиттин артынан келип көзүн басып калды.

- Күзгүбү же таракпы?

- Күзгү.

- Таптың! - Назира секире мойнуна асылды. Сүйүнчү!

- Болсун, кана жүрөк кубантаар сүйүнчүңдү айта кал! - деп Тойчу күлө карады.

- Мен бүгүн апама сени сүйөөрүмдү айттым. - Аны кучактаган колун тартып алып анын жүзүнө тигилди. - Апам унчуккан жок…

Назира сүйлөп жатты, Тойчу аны тыңшагандай отуруп алып ойлоно берди…

Өмүрбек Тойчуну абдан жакшы көрөт. Бир күнү аны жанына салып алып шар аккан өзөндөгү суунун жээгине барды да Тойчуну отургузуп алып колундагы жылмая жанаша түшкөн сүрөттү колуна кармап алып:

- Уулум, сен мени угуп тур, эгер азыр айтпасам кийин мени кечирбейсиң, сен бой жеттиң, түшүнө турган маалың келди… - деп тунжурай түштү.

- Эмне дегени турасыз, ата?

Тойчу өзү да сезип жүргөн, бала кезде бир нече жолу бирге окуган балдары, коңшунун балдары аны: "Сен томолой жетимсиң, Өмүрбек сенин баккан атаң" дегенин угуп, эч кимге ал жөнүндө айткан эмес. Акынай жакшы жүрүп эле кийинчерээк Тойчуга өч болуп чыга келген. Өмүрбек аргасыз эле, анткени ал келгенден кийин удаа-удаа бир кыз, бир уул төрөп берип койгон. Акынай балдар менен үйдөн чыкпай жумушунан чыгып алган болчу. Эдил менен Эмил да Тойчу менен катар эле бой жетип келатат. Тойчу Акынайдан уккан жаман сөздөрүнүн бирин да Өмүрбекке айтпай өз ичинен гана ойлонуп жүрдү. Бүгүн ал атасынын сөзүнүн четин укканга эле түшүндү, чындыкты билүүгө кызыккан менен анын да жүрөгү ооруп айтууга өзүн мажбурлап отурганын айттырбай билди.

- Унчукпай угуп тур, балам… - деп Өмүрбек уулун далыга таптай тамагын кыра сүйлөп кирди. - Бир жигит менен бир кыз бири-бирин кайдан, кантип табышканы белгисиз, үйлөнүп алышкан. Алардын тууганы ким, кайсы жерлик эч ким билбейт эле, аялынын боюнда бар кезде күйөөсү кыштоодогу тагасынан калган малды карап келгени барып көчкүдө калат. Арадан үч-төрт ай өткөндө аялы уул төрөп, көз жумат… - Көпкө мелтирей отуруп калды да, - Ал наристени беш жыл бою балалуу болбой жүргөн үйбүлө атайын барып сурап алышкан… - деди улутуна Тойчуну карап:

- Анан, анан эмне болду, деги муну эмнеге мага айтып жатасыз?

- Ошол наристе сенсиң, уулум!

- Эмне дейсиз? - деп Тойчу көзүнө жаш кылгыра Өмүрбекти карады. - Бул эмне дегениңиз?

- Чындыкты айтышым керек уулум, мына бул сүрөттөгү адамдар сенин ата-энең, сени сурап алып жатканда малын да, башкасын да албай кийин сага берейин деп ушул сүрөттү алып кеткемин!

- Ата!

- Ыйла уулум, ыйлап ал, жеңилдеп каласың. Сени кандай тарбияладым билбейм, татыктуу тарбия бере алдымбы, бере албадымбу, бирок сен өзүң жакшы адам болосуң деп ойлойм…

- Ата-а-а! - Тойчу башка сөз сүйлөөгө кудурети жетпей ыйлай берди. - Мен сизди гана билем, менин атам сизсиз!

- Туура, мен сенин атаңмын, өмүрүмдүн акырына чейин менин балам бойдон каласың уулум, сенин артыңдан Эдилбек, Эмилбек келген, акжолтой болуп бергенсиң бизге…

Экөө тең андан кийин эч үн катпай суу жээгинде шаркыраган суунун агымын карап отура беришти. Тойчунун колунда жылмайып өзүнөн көз айрыбай тиктеген жылдыздуу эки адам, өмүрү өзү көрбөгөн ата-энесинин сүрөтү турат: "Туура кылдым, убагында айтып койбосом болбойт, элден балким уккандыр, ичинен мага нааразы болуп жүргөндүр, ачык айтып койгонум дурус болду. Эми өзү билсин, мени менен калабы же каалаган жагына басып кетеби. Тойчум андай адам эмес, түшүнөт баарын, акылы бар" деп ойлонуп отурду.

Мен эч качан эч жакка кетпейм, алар мени жаратып жарыкчылыкка алып келип койгону болбосо бул мени канча эмгек менен бакты, мен үчүн апамдан далай сөз укту, чыдады баарына, менин атам сен гана болосуң, атаке!" деп ойлонуп Өмүрбекти карай сүйкүмдүү жылмая сүйлөдү:

- Ата, мен сизди гана билем, менин ата-энем сиздер гана, алар мени жаратып жарык дүйнөгө алып келип койгону болбосо эмгек сиздики, сиздердин эмгегиңиздерди билбесем анда мен адам эмесмин!

- Ыраазымын уулум, бактылуу бол, бирок өзүңдүн ата-энеңди унутпа, мен карызымдан кутулдум, анткени сени бакканга малын, үйүн беребиз дешкенде мен сени гана сурап алгамын. Сендей наристенин гана үнү биздин үйгө керек болчу ошол кезде.

- Эмгегиңизди аткарууга милдеттүүмүн, ата!

- Бактылуу бол! - деп Өмүрбек Тойчунун чекесинен жаш кезиндегидей шо-ор эттире жыттап алып ордунан турду. - Кана уулум, кеттикпи?

- Кеттик! - деп Тойчу күлө карап жооп берип артынан басты.

Убакыт дегиниң кээде түш жарымча да сезилбей калат эмеспи. Тойчу Назира экөө сүйлөшүп отурганда ушуларды ойлонуп кетти: "Бүгүн сөзсүз атама айтам, ал каршы болбойт" деген ойдо кыз менен коштошуп үйүнө келе жатты. Назира Эдилден бир жыл кийин окучу. Тойчу менен сүйлөшүп жүргөнүн билбей, Эдил Назираны сыртынан байырлап жүргөнүнө көп болгон. Эдил абдан кырс мүнөз бала болчу. Назира аны негедир жаман көрчү, кийин Тойчу экөө сүйлөшүп калгандан кийин ага анча маани бербей сыйлап, сүйлөсө жооп берип койчу. Ошол күнү кеч келип үйгө кирип келе жаткан Тойчу босогодон кире албай катып эле калды.

- Ата, мен үйлөнөм, - деди Эдилдин үнү.

- Үйлөнөсүң, улуу агаңдан кийин, - деп Өмүрбек уулуна так кесер кыска жооп берди.

- Аны күтүп отура беремби, кийин деле үйлөнө берет ал.

- Болбойт, сүйлөшкөн кызыңды ошентип көндүр, жакында Тойчуну үйлөнтөлү, андан кийин сен үйлөнөсүң, сүйлөштүкпү?

- "Тойчу, Тойчу" эле дейсиң, өз балаңды мурун үйлөнтө бер да, ал кайда бармак эле? - деп Акынай жактыра бербей сүйлөдү. - Ал иштеп үйлөнгөнчө эмгек кылсын, ансыз да ушунча эрезеге жеткиргениң жетишет!

- Акынай, сен эмне деп жатасың? Тойчу муну укпасын, мен аны үйлөнтпөй туруп, Эдилди үйлөнтпөйм, салт боюнча улуусу мурун үйлөнүш керек.

- Ата, качанкыга ошол жетимди калкалай бересиз? Жиниме тийсе сабап туруп жолго салам! - деп Эдил ачуулана ордунан турду. - Мен бир кызды жактырып калдым, ал абдан сулуу кыз, атасы абдан бай экен, Ишен деген. Кызынын аты Назира, мен андан калгым келбейт, мектепти жаңы бүтүрүп жатат, - дегенин укканда Тойчунун кулагы тунуп, көзү караңгылап артына кетээнчиктеп барып сыртка чыгып кетти: "Эмне дейт? Назира дедиби, жаңылыш уккан жокмунбу, эми эмне болот, иним экөөбүз бир кызды сүйүп калганыбыз жаман болгон тура , мейли миң ирээт мени жаман көрсө да атам үчүн иним дегенден кайтпайм!" - деп ойлонуп жатты. Үйгө киргиси келбей ары-бери басып жүрө берди: "Мындан ары мен Назирага жолукпашым керек, инимдин сүйүүсү үчүн өз сүйүүмдү курмандыкка чалууга даярмын!" деп түн бир оокумда акырын кирип ордуна жатып алды. Акынайдын сөзү кулагында жаңырып жүрөгү муздай ичтен сызып алды: "Атам үчүн милдеттүүмүн, ал менин бүт дүйнөм, байлыгым" деген ойдо түнү бою кирпик какпай таң атырды. Эртең менен эрте Өмүрбек Тойчу тура электе анын бөлмөсүнө баш бакты. Башын көтөргөн Тойчуга:

- Эмнеге кеч калдың уулум? Мындан ары кечикпей келип жүргүн, - деди да кайра чыгып кетти.

- Ийи, аман-эсен бекен? Көрүп, эс ала түштүң окшойт? - деп Акынай Өмүрбекти кекете карады.

- Бу аялдардын баары бирдей экен го. "Кыз экенде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат?" деген чын экен да, Акынай. Сени менен сүйлөшүп жүргөндө жакшы аял болот деп ойлодум эле, көрсө баары бирдей болот экен, сен да өзгөрдүң. Билсең, ар бир сөзүңдөн менин жүрөгүм ооруганын сезсең боло?!

- Эмне дедим, өз балаңа өздөй, башкага башкадай мамиле кыл дегеним элеби?

- Ошол сөз да мен үчүн өтө оор.

- Мейли эми, деги сүйлөбөй эле коеюнчу, ушу балаңдан жакшылык күтпөй койсоң деле болот, - деп Акынай ары басты.

- Эдилди токтот, эмки жумада мен Тойчуну үйлөнтөм, андан кийин кызына макулдаша берсин анан үйлөйбүз.

Өмүрбек ушинтти да чыгып кетти. Ал көптөн бери кан басымы көтөрүлүп ооруп жүргөн. Акынай ал кетээри менен Тойчунун бөлмөсүнө баш бакты:

- Ой бала, тур, менин жумушумду кылып уйкудан калсаң да. Бүгүн атаң келгенде "азыр үйлөнбөйм" деп айт. Эдилдин кызын бирөө ала качып кете электе киргизип алалы.

Анын бир сөзү кулагына кирсе, бири кирбей, Тойчу жата берди. Унчукпай чүмкөнүп жаткан Тойчуга жини келген Акынай булкуна төшөктү тартып алды эле, ал чоочуп тура калды:

- Эмне болуп жатасыз, апа?

- Апа дебей кал ээ, тур ордуңдан! Кечинде атаң келгенде "азыр үйлөнбөйм, Эдил үйлөнө берсин" деп айткын, макулбу?

- Эмне болду анчалык?

- Эмне болгонун эмне кыласың, айт дегенден кийин айткын!

- Айтпасамчы, - Тойчу Акынайга жини келип атайын кычаштана берди.

- "Үйлөнбөйм, Эдил үйлөнө берсин" дегин.

- Түшүндүрүп айтсаңыз боло, эмнеге ошентишим керек? - деп Тойчу билип туруп сурай жинине тийди.

- Деги түшүнбөгөн көк мээсиң го, Эдилдин сүйлөшкөн кызын бирөөлөр ала качмак болуп атыптыр…

- Койчу, ким менен сүйлөшчү экен?

- Ишенбайдын кызы менен, ал кызды ала кашчулар көп имиш.

- Ой бо-ой, андай болсо ойлонуп көрүш керек экен, мамаша! - Тойчу Акынайды жерден так көтөрүп кайра койду. - Сиз экөөбүз келиндүү болуп калат турбайбызбы матушка, ээ? - деп күлүп коюп сыртка чыгып кетип жатканда Акынай анын артынан кобуранып калды.

- Өлүгүңдү көрөйүн десе, чечектин өнөрү күч дегеле, мамаша-матушка деп койгонун кара!

- Апа, таң атпай эле уйкуну бузуп сүйлөп жатасыз да? - деп Эдил уйкулуу көзүн ушалай бөлмөсүнөн чыга калды. - Тиги келдиби кечинде? - деп Тойчуну сурады, - же келбей калдыбы?

- Келген балам, келбегенде кайда жоголмок эле?

- Ошонун жоголуп кетээр күнү кана? - деп койду Эдил.

Тойчу булардын баарын уккан менен үнсүз гана эшикте тура берди: "Мейли, мен үчүн бир адам күйөт, кам көрөт, ошого ыраазымын, дүйнөдө бир адам бар мен үчүн жаралган" деп өзүн сооротту да билмексен боло үйгө кирди. Аны көргөн Эдил керсейе карап:

- Эй старик, үйлөнбөйм деп жол бошотпойсуңбу, ушу сен кыздар менен деле мамилең жок болуш керек! - деди чыйт түкүрүп чөнтөгүнө колун сала. - Атасынын баласы токтой тураар дейм?

- Эч кам санаба, токтой турабыз, иним…

- Ой, ушу иним дегениңди токтотчу, сенин аты-жакындабайт биздин тукумга!

Эдил аны уккусу келбей ичкери кирип кетти. Тойчу терикпеди, ал мындай сөзгө көнүп бүткөн. Унчуккан жок: "Атамдын мага деген сүйүүсү, аталык мээрими үчүн" деп улутуна костюмун алды да чыгып кетти. Ал азыр Назирага жолугушпай коюуну эп көрдү, бак ичинде аркы-терки басып жүрө берди. Жалгыз басып жүргөндө үч-төрт кыз аны карап, улам күлүп коюп жатты эле, ал акырын басып барды:

- Кыздар, күлкүңөр күмүш булак үнүндөй, жүзүңөр мейиз жыттанат, - деп тийишип калды.

- Күлкүбүздүн күмүш булак экени ырас, а мейиз жытыбызды алыстан кантип сездиңиз? - деди бири кыя карай.

- Аңкыган жийде күлүндөй, алыска жыттанып турат экен.

- Ырас элеби, жакшы жигит?

Көздөрү капкара, артына бир өрүп таштап койгон узун чачтуу кыз сурап койду.

- Ырас айтам кыздар, мүмкүн болсо таанышып албайлыбы? - Кыздарды кыдырата карап жооп күтпөй эле. - Менин атым Тойчу, атамдын аты Койчу, кылган ишим жок, таанышпай койсоңор боломун го шок! - деп күлө колун сунуп кара көз кыздан баштады.

- Нурмира.

- Асел.

- Гүлнара.

- А мен Айчүрөкмүн! - деди бири ойсоңдой.

- Эң сонун, баарыңардын мактанып турган кезиңер экен… - деп күлүп койду Тойчу. Анан Нурмираны жандай калды, - Сулуу кыз, ушул айылдан болсоңуз тааныйт элем, чоочунсуз го?

- Таптыңыз, мен Бишкектен келгем, - деп Нурмира бир өрүп койгон чачын алдыга алып кармалай жер карады.

Тойчу алар менен көпкө туруп калды. Ошол убакта жолугушчу жерге келаткан Назира Тойчунун кыздар менен турганын көрүп тык токтоду: "Кана, сени гана сүйөм деген сөзү алдамчы десе, менин келээримди билип туруп көрсүн деген экен" деп далдоодо туруп алып ыйлап жатты. Тойчу аны көрдү, байкамаксан болуп кыздарды жандай каткыра узап баратты. Назира көз жашын көлдөтө ыйлап үйүн көздөй кетип бараткан эле. Алдынан чыккан Эдил анын жолун тосо калды.

- Сулуу кыз, сиз менен сүйлөшсөк болобу?

- Менин эч ким менен сүйлөшкөнгө убактым жок! - деп Назира аны түртүп жибере өтүп кетмек болду эле, Эдил аны колдон кармай калып:

- Бир мүнөткө көңүл буруп койсоңуз сулуу кыз! - деди.

- Сендей дөөпүрөс менен сүйлөшө албайт экемин, кулагың жокпу?! - деп Назира көздөрүн бакырайта аны ачуулуу караганда Эдил жалтана түшүп колун тартып алды.

Назира ылдамдай басып үйүнө кирип кетти. Ошондон көп өтпөй эле Назираны башкарманын баласына куда түшкөнүн билишти. Бирок Назира "ага тийбейм" деп болбой жатканын укканда Эдил өзүнүн эки-үч досторуна жолукту да:

- Силер менен бүтүрчү иш бар, - деди.

- Ал кандай иш экен?

- Колдон келсе аямак белек?

- Эң сонун келет, Ишенбайдын кызы Назираны ала качыш керек! - деп Эдил досторуна "эмне дейсиңер" дегендей карады. - Үйдөгүлөр даяр турушат.

- Эдил, бул сенин ойнуңбу же чыныңбы? - деп Эрнис аны таңдана карады.

- Эмнеге тамашаламак элем, чыным эле?

- Таң калыштуу, а кимге ала качабыз?

- Кызыксыңар го, мага алып качабыз, мен алам Низираны.

- Токто, токтой турчу, - деп Эрнис баарын бир сыйра карап туруп анан, - Эдил, Назиранын ким менен сүйлөшүп жүргөнүн билесиңби? - деди.

- Ким менен сүйлөшмөк эле, кызды ала качып алсаң эле отурат да аргасыз, - деп Эдил күлүп алды.

- Жаңылып калба Эдил, Назира менен Тойчу качантан бери сүйлөшүп жүргөнүн кантип билбей калдың? - деп жиберди Марат.

- Эмне-е? - Эдил досторун кыдырата бир карап алды да жерди бир муштады. - Иттики десе, ушуну билген эмес экемин да!

Билбегениң жаман экен, ал экөөнүн сүйүүсү индийский деп кеп кылышат.

- Болду! - деп Эдил аларды уккусу келбей басып кетти.

Ачуусу келгенинен жаак эттери түйүлө бетинен түгү чыгып кетип жатты, азыр Тойчу алдынан чыкса жеп салчудай түрү бар. Үйүнө кайрылбады, адегенде китепканага барды, анткени ал бош боло калса эле китеп алып окуй турган. Быйыл даярдоо курсуна кирмек. Аерден таппай паркка барды, ал жерде дагы жок болуп чыкты. Жээлигип жини кайнаган Эдил чоң жол менен келе жатса Тойчу жалгыз келаткан экен. Эдилди көрүп токтой калды.

- Мен сени менен сүйлөшөм, жүрү ээнирээк жакка! - деди Эдил жетип-жетпей жатып эле.

- Эмнеге, сүйлөй бер ушул жерден, - деп Тойчу жаман ойдон алыс жай айтты.

- Биерден болбойт, кыйшыңдабай жүрбөйсүңбү! - деп Эдил оройлоно бурк эткенде Тойчу унчукпай жер карап ойлуу туруп калды да:

- Кайда? - деди.

- Менин артымдан жүр! - Ээрчишип кетип баратып экөө ээн айылдын четине чыгышты. - Сен Назира менен сүйлөшүп жүрөсүңбү?

- Эмне болду?

- Мен сенден сурап жатам!

- Жок.

- Калп айтпай ачыгыңды айт, сүйлөшүп жүргөнүңө канча болду?

- Сен суракка алгыдай сотсуңбу?

- Сага сотмун!

- Иничек, мени тескебей жайыма койчу, - деп Тойчу басып кетмек болгондо Эдил аны бир муштап калды. Тумшукка тийген соккудан Тойчунун мурдунан кан жайыла түштү, бирок ал кол көтөрбөдү. - Эсиңе кел, Эдил!

- Мени эсиме келтирчү сен эмес! - деп Эдил аны бутунан чала жыкты да тепкилеп туруп басып кетти.

Тойчу ордунан козголо албай көпкө жатты. Аңгыча айлананы карангылык каптап, асманга жылдыз толду. Дале жатты Тойчу, тагдырына таарынып жата берди: "Көзүм ачылбай жатып, эне-атаман ажыраганым аз келгенсип, эми кырсык тооруй баштадыбы? Эдил кара мүртөс болуп чоңойду, жакшы адамдан ушундай бала туулат экен да. Эмне кылышым керек, айтпай кетип калсам атамдын оорусу күчөп кетсечи? Кетпейин десем бул мени соо койбойт" деп ойлонуп жатып, ээн талаа экенине карабай көзү илинип кетти. Эртең менен аны кой айдаган киши көрүп ойготту. Бул чакан райондун четиндеги айылдын тургуну эле.

- Ой бечара ай-йа-а, көп ичип жыгылып калган окшойсуң, тур өйдө, курт-сурт чагып алса эмне болот?

- Ичпей эле аба, бирөөлөр сабап кетти.

Тойчу өйдө болуп кийимин какты, бүткөн боюнун баары ооруп калыптыр, бети шишиген: "Бул бойдон үйгө барбай эле коюшум керек" деген ойдо көпкө отурду, бети-башына каткан канды арыктагы сууга жууп, анан кечке ошол жердеги тал түбүнө отуруп кеч киришин күтүп күүгүм кире өзүнүн көңүлү жакын жолдош баласынын үйүнө барды. Ал аны көрүп чоочуп кетти.

- Тойчу, сага эмне болду?

- Кечээ бирөөлөр сабап кетти, дос.

- Тааныйсыңбы?

- Жок, тааныбай калдым.

- Таанып калсаң жакшы болмок, атасын гана таанытат элек.

- Ээ досум, эмне кылмак элек, мейли алар да бирди көрөт.

- Жо-ок досум, андай болбойт, кокус колго тийсе ийлеп салат элем, - деп Шамшыбек жинденип жатты.

Тойчунун жаратына дары сыйпап, жылуулап жаткырып койду. Төрт-беш күндө жараттары айыгып калганда келсе Өмүрбек үйдө экен. Тойчуну көрүп эле:

- Сен кайда жүрөсүң? - деди Өмүрбек ордунан тура калып.

Телевизор көрүп отурган Эдил ары карап кетти. Эмил эчтеке менен иши жок.

- Жумуштар менен жүрдүм ата, кечириңиз, - деп Тойчу жер карап жооп берди.

- Дагы ушундан үмүт кыласың, көрдүңбү боор көтөрүп алгандан кийин акырындап жоголот да? - деп Акынай какшанып кирди. - Эптеп боорун көтөрүп алса болду да, сенин эмгегиңди ойломок беле?

- Басчы жаагыңды, башым ансыз да ооруп турат. Тойчу силерге бир жалаңгыч болуп көрүнүп калды го? - деп кейип, Өмүрбек башын кармап отуруп калды. Эч кимиси унчуккан жок. Көптө барып Өмүрбек ар бирин карады да, - Кана балам, сени үйлөнтүп коеюн, сүйлөшкөн кызың барбы? - деди.

- Жок ата, мен азыр үйлөнбөйм!

- Эмнеге?

- Азыр эрте, мен окуп алайын, максаттар бар. Эч нерсеге даярдык жок эле сизге жүк артып койгонум болбойт го?

- Абдан акылдуу бала… - деп Эдил шылдыңдагандай "ык…" деп койду.

- Эй бала, ушу сени менен Эмил экөөңдү тилегенде ушул себепчи болду эле, сени өтө эркелетип койдум окшойт, эсиң менен бол да, экинчи Тойчуга каршы болсоң үйдөн кет! - деди Өмүрбек ачуулана.

- Ата, эмне деп жатасыз, баккан балаң үчүн өз балаңызды үйдөн кууп чыгууга даярсызбы? - деп Эдил ордунан тура калды. - Сени баягыда өлтүрүп койбогонума өкүнөм!

- Эмне деп жатасың? - деп Өмүрбек ушул учурда жүрөгүн уучтай чалкалай калды. - Аттиң, "өздөн чыккан жат жаман" дегендей, уулум… - деп өңү бузула түшкөндө Акынай коркуп кетти.

- Коку-уй, дарысын алып кел, Эмил!

- Ата, эмне болду? - деп Тойчу жетип колдорун ушалай кетти.

Эмил дарысын алып келе калды. Бир топко Өмүрбек менен алышып калышты. Эдил керсейгенинен жазбады: "Ошол Тойчу үчүн жашай берсин" дегендей өз бөлмөсүнө өтүп, жатып алды. Түнү бою дары-берип, доктор чакыртып, укол сайып, Өмүрбек зорго жакшы болду.

Тойчу өзүнөн-өзү санаага батып жатты: "Эгер мен кетип калсам атама жаман болот. Эмне кылсам экен? Булар мага күн көрсөтпөйт, анан алган аялымды жакшы күтмөк беле? Кой, мен бул жерден кетип калайын" деген ойдо таңга маал ордуна жатып, ойлонуп жатты. Эдил болсо аны көргөндө эле ызырынып тура калат: "Неге, мен ага жаман айтпасам, бирге өстүк, бирге чоңойдук, жакшы болсо бир тууган элебиз, неге мени жек көрөт?" деп ойлой берди Тойчу.

Эртең менен эрте турган Тойчу Өмүрбектин жанына келип ал абалын сурады.

- Ата, ден-соолгуңуз кандай?

- Жакшы уулум, мен сени окууга сүйлөштүм, даярдан да шаарга кетээрде үйлөнүп анан жөнө! - деп Өмүрбек акырын, алсыз айтты. - Мен ооруп турам, сүйлөшкөн кызың болсо эч тартынба, уулум…

- Ата, азыр үйлөнбөйм!

- Үйлөнөсүң, мен сени ымыркайыңда колума кармаганда үч милдетиңди аткарууга өзүмө сөз бергемин!

- Ата…

- Унчукпа, үйлөнмөйүнчө эч жакка кетпейсиң! - деди да, Өмүрбек ары бурулуп кетти.

Бул анын "сөз бүттү, аткар" дегенин Тойчу түшүндү, кайтарып сөз айта албады. Эртеси Калыкбек менен Айша жетип келди. Акынай да, Эдил да унчуга албай калышты.

Тойчу Эдил үчүн Назираны таштап, Нурмирага үйлөндү. Бир жума турушту да, эки жаш шаарга жөнөп кетишти. Окууга өтүп, окуп калышты. Нурмиранын төркүндөрү шаарда тургандыктан, жаш жубайлар алар менен чогуу туруп калышты. Өмүрбек телефондон анда-мында сүйлөшүп, ал абалын билип, акча жөнөтүп турду.

Эдилди үйлөнтмөк болду эле, Назира аны жанына жолотподу.

Шаарга келгенден соң Тойчу Назирага кат жазып жөнөтүп жиберди. Назира катты алып окуп жатып, көзүнүн жашын агызып жатты: "Салам кат. Саламым менен Тойчу. Назира, алың жетсе мени кечир! Мен сени сүйөм, сүйгөнүм үчүн бактылуумун. Экөөбүз кечирген күндөр гана калды, башка эч кандай нерсе болбош керек. Мен сени унутууга аракет кылганым, сүйүүмдү курмандыкка чалганым. Сен мени түшүн, Нази, менин иним Эдил сени сыйлап, күтүп алаарына ишенем, анткени анын сага деген сүйүүсү күчтүү. Эдил абдан эрктүү жигит, сен аны сүйүп кетесиң деп ойлойм. Кош бол менин жаш сүйүүм, балалык бактым, сен менин жүрөгүмдө түбөлүк жашайсың! Тойчу" деп жазган катты окуп отуруп Назира эчкирип жиберди: "Мен сени гана сүйгөм!".

Эдил Назирага жолукмак болуп далай барды, бирок ал көрүнбөдү, жолукмак турсун көрүнгүсү келген жок. Атасы Ишенбай менен апасы Селки Өмүрбектин өз баласы экенин билгенде Эдилге макулдугун берген, бирок кызын көндүрүш кыйын болду. Ыйлаганы ыйлаган, үнсүз көз жашын көлдөтөт. Селки кызынын сырын билип эле турган менен: "Эмне экен, кантсе да өз баласы, жетим бала бир күнү сүрүлүп калат, андан көрө эрке келин болбойсуңбу?" деп кызынын алды-артына түшүп көндүрө албай жатты.

- Кызым, сенин бактылуу болушуңду каалайбыз, Эдил жакшы үйбүлөдө төрөлгөн, түпкү теги жакшы адамдар, жакшы жерден жакшы жашап, жакшы аял, эне болосуң, кызым!

- Мен Эдилди сүйбөйм!

- Сүйүүң менен сүмүрөн кал, атаң макул болсун деп жатат, болбосо сен үчүн менин көрбөгөнүмдү көр кылат.

- Мен өзүм айтам атама, мен ага тийбейм!

- Тиесиң!

- Тийбейм!

- Болду, бас жаагыңды!

- Мен анда өзүмдү-өзүм өлтүрөм.

- Эмне-е?! - Селки делдейе кызын карап туруп калды. - Эмне дедиң?

- Өлүп тынам, жашагым да келбейт!

Эне бала бири-бирине моюн бербей көпкө кыжылдашты, акыры Селки сырткы бөлмөгө чыгып кетти. Назира такыр болбой койгондо аны Эдилдин достору ала качып кетишти. Назира ыйлап-сыктап акыры отуруп калды.

Өмүрбек шаардан Тойчуну келинчеги менен чакырды. Алар келип, Нурмира эч нерседен капарсыз кызмат кылып, Назира менен сүйлөшүп калып жатты. Эдил менен Тойчу бири-бирине жолуккандан тайсалдап бет келише албай жатты. Тойчу үйгө киргенден коркуп жатты. Назира аны алдынан чыга калып: "Ушуну кааладың беле, мына сенин айтканыңды аткардым, сен үчүн сүйүүмдү курмандыкка чалдым, мен Эдилди сүйбөйм, аргасыз жашайм" деп аны бура бастырбай кармап алчудай селт этип кетет. Кудаларын жөнөткөндөн кийин баары чогулушту. Назираны кайната, кайнагасына жүгүнткөндө Тойчу өйдө карай албай жаман абалда болду. Көрүндүктү Нурмира берди. Акынай да жан-алы калбай ары-бери жүгүрүп жүрдү. Эртеси кетебиз дешкенинен Тойчу менен Нурмираны сыйлап, жөнөтмөк болуп чогуу отурушту. Негедир Эдилдин көңүлү ачык. Тойчунун жанына отуруп:

- Аке, жаштык-мастык кылып өткөргөн болсом кечир, кеч түшүндүм, сен акылың менен жеңдиң, - деди ага бажырая карап.

- Эчтеке эмес иним, менин сага бир тууган болуп калганым өзүнчө эле бакыт, анткени бул мага атамдын тартуулаган өмүрү, берген мээрими, чексиз аталык сүйүүсү, - деп Тойчу инисин далыга таптай караганда Эдил кучак жайып Тойчуну бекем кысып кечирим сурап жатты.

Назиранын жүрөгү какап, төмөн карап ыйлап отурду: "Мен сүйүүмдөн айрылдым, инисинин бактысы үчүн менин сүйүүм жоголду. Аргам канча, анын колуктусу болбосом да, көрүп турсам болду, кайнагамдын алдында эзелки өткөн сүйүүм үчүн башымды ийип жүгүнүп турууга мен даярмын. Мындай бир туугандык сүйүүгө кантип кек сактай алам, буларды бириктирген жалгыз гана кайнатама ыраазымын, балдарына татыктуу тарбия берген", -деп көз жашын сыдырып алды.

Тойчу ушуларды ойлонуп кетти заматта: "Аттиң, Назира жарым болбой калды. Эч нерсе эмес, Нурмира жаркылдап жеңилимди жерден, оорумду колдон алып жанымда. Эки уулум бойтоңдоп ойноп турат. Мен бактылуумун, бактылуумун" деп ийди сыртына чыгара. Нурмира эшикте жүргөн, кирип келип эле:

- Сүйүнчү Тойчу, Назира кыз төрөптүр, кечээ биякка алып келишкен тура , - деди кубанычтуу.

- Болсун-болсун жеңекеси, абысыныңдын төрөгөнүнө абдан кубанып алгансың го?

- Неге кубанбайын, абысын жакшы болсо силер жакшысыңар, биз жаман бололучу ит менен мышыктай ырылдашып турасыңар, - деп Нурмира күлмүңдөп койду. - Чын айтамбы?

- Туура-туура жаным, кой эми бизди иттей ырылдатпай эле тынч койгула! - деп Тойчу да күлүп калды. - Ким айтты Назиранын төрөгөнүн?

- Биздин коңшунун кызы айтты, төрөтканадан келиптир, сүйлөшүп отуруп бизди сураса керек, айтып ийиптир.

- Кой анда барып келели, балдарды кийгиз. Эдил бар бекен?

- Аны билбейм, бара көрөбүз да. Көрүндүктү жакшыраак берели, атамдан кийинки эле чоң атасы сенсиң да?

- Ой, акылманым десе, ушундай бир акылдуу аялсың да, асылым, - деп Тойчу аялын бооруна кысып өөп койду. - Менин бактыма жолуккансың да-а!

- Кой эми убакытты өткөрбөй барып келели, - деп Нурмира жаркылдай ичке кирип кийинип чыкты. - Сиз кийинбейсизби? - деп жылмая Тойчуну карап эркелегендей үн катты.

- Бул турушум сага жакпаса кийинип алайын.

- Сенин ар кайсы күнкү турушуң жагат, сен деп мен баарын таштаганмын да?

- Болуптур анда, жөнөдүк.

- Апа, каякка барабыз? - деп улуусу Дастан апасынын колун кармай суроо берди.

- Жеңеме барабыз ээ, ата? - деп Чыңгыз тепилдеп койду.

- Ооба уулум, жеңең бөбөк таап алыптыр, ошону көрүп келели, - деп Нурмира уулдарына карап күлүп койду.

Алар бат эле алтынчы төрөтканага жетип келди. Босогосуна келип кичинекей тешиктен Ишенбаева Назираны чакыртышты, анча күтүшпөдү, бир кезде ичин басып, акырын Назира келе жатты. Аны көргөн Нурмира:

- Келин бала, кандай денсоолугуң, кызыңдын дени сакпы? - деп шакылдай сурап, келээри менен аны бетинен өөп учурашты.

Тойчу баш ийкеп:

- Кандай, жакшыбы акыбалың? - деп тайсалдай туруп калды.

- Жакшы, өзүңүздөр жакшы турасыздарбы? - деп Назира абысынын карай сүйлөдү. - Жеңе, кичинекейлер жакшы жүрүшөбү?

Назира ошол кезде эшик ачылып эшикке чыга келип Дастанды өөп, Чыңгызды кучактап бир саамга көзүнүн жашын тыялбай турду. Чыңгыз:

- Жеңе, бөбөгүңүз кана? - деп сураганда ага жылмая карап көз жашын сүртө:

- Бөбөгүмдү анан көрсөтөм, ээ? - деди.

- Бөбөктүн аты ким? - деп сурады Дастан.

- Аа-а, атын кое элекпиз…

- Уулум, бөбөк бүгүн гана төрөлдү, эртең ага атасы келип ошол ат коет да, Эдил акең өзү, - деп Тойчу уулуна жооп бере ары жылды.

- Чыңгыз акеме абдан окшош, ээ? - деп Назира Нурмираны караганда ал күлүп калды.

- Дастан менин балам, Чыңгыз атасынын баласы!

Экөө күлүп калышты. Тойчунун жүрөгү зырп этип кетти.

****

Чачыкей Саматка күйөөсүн таштай качып тийгени, эки жылдай жакшы жашады. Бир кыз төрөп алды. Самат мурун эки уул, бир кызы менен аялын кетирип жиберген эле. Кутулгуча шашкан аялы үч баласы менен төркүнүндө жүрүп, улгайган адамга күйөөгө чыгып кеткен. Улгайган менен кадыр-барктуу окумуштуу адам экен дешти. Аялынан таптакыр үмүт үзгөн Самат Чачыкейге ач кенедей жармашып эптеп алып жашап жүрдү. Жүрөнөөк эркектин эң алдыңкыларынан эле. Чачыкей кыз төрөп алып өзүн бактылуу сезип жүрдү. Кызы Саяна бир жашка чыгып калган. Самат негедир келбей калды. Түнү бою күтүп, уйкудан калган Чачыкей кызын эмизип отурса кирип келди.

- Эмнеге келбей калдың, түнү менен сени ойлонуп уктабай чыктым, - деп Чачыкей Саматты көрөөрү менен эле сурап кирди.

- Эмне, корктуңбу? - деп Самат тайсалдай күлүп койду. - Ойлонбой эле уктай берсең болмок экен.

- Кантип ойлонбойм, ар кайсыны ойлой берип көзүм илинбей койду.

- Мейли, эми уктап ал, кызымды өзүм карайм, макулбу?

- Кайдан, киргокту жууш керек. Саяна уктаса кир жууюн.

Чачыкей: "Кайда бардың, эмне кылып жүрдүң" деген суроону жаадырмак, аны Самат жумшак сөзү менен жайгарып суроого мүмкүнчүлүк деле берген жок. Чачыкей көңүлү жайлана кызын уктатып күйөөсүнө тамак берди, анан кирге суу койду. Самат аны кучактап заматта жибитип төшөккө жыкты. Чачыкейге Саматтын ушунусу жагат. Кээде күндүзү деле үйдө болсо арыдан-бери өзүн чечинте салып ырахатка бөлөп көңүлүн аччу. Аны Өмүрбекке салыштырып алат, ал күндүзү эмес түнкүсүн эптеп-септеп жатып эле анан чарчаганын шылтоо кылып ары карап жатып калчу. Жаш курагы ошентип көксөгөнү аткарылбай, эңсегенине жетпей улутунган балача ызаланып жатып калчу.

- Самат, - деди Чачыкей төшөктөн турбай анын мойнуна колун орогон бойдон жатып.

- Ийи…

- Мен балдарымды көргүм келип, аябай сагындым.

- Сен барганда күйөөң көрсөтөбү, ал сага өчөшүп Акынайга үйлөнүп алыптыр го?

- Койчу, Акынай тиймек эмес!

- Кызыксың да Чачыкей, күйөө албай эмдигиче кыз бойдон жүргөн кыз болсо, Өмүрбекке кудай деп тийди да… - деп Самат каткырып күлүп койду. - Акынай чыны жакшы кыз эле, мага тийип ал десем болбой койбодубу?

- Эмне, аны менен болдуң беле? - деп Чачыкей күйөөсүн кызгана карап калды.

- Болгону эмнеси, ал таптаза кыз бойдон болуш керек. Биз менен кадимкидей жүрө берчү, бирок анын төшөккө бирөө менен жатканын көрбөдүм, даай алчу эмеспиз ага.

- Чын элеби?

- Калп айтып мага эмне кудайдын азабы, ал абдан строгий кыз эле…

- Ошондой де, анын Өмүрбекке тийгенин ким айтты?

- Эл бар, журт бар, угулат да эй.

- Демек, менин балдарым анын колунда экен да? - деп Чачыкей ойлуу унчукпай калды.

- Күйөөңдү кызганып жатасыңбы? - деп Самат Чачыкейди өзүнө каратып көзүнө тигилди. - Чын эле кызганып жаткан окшойсуң?

- Аны кызганып эмне кылам, бирге өскөн курбум мен таштап кеткен күйөөгө тийип менин балдарымды… - деп барып, Чачыкей ыйлап жиберди.

- Койчу болбогонду, өзүң мени деле ойлосоң, үч баламды таштап жүрөм го сенин жаныңда. Менин катыным деле эрге тийип кеткен, мынабу Саянабыз бар экөөбүздүн, дагы төрөп бересиң, - деп Самат Чачыкейди өпкүлөп жатып сооротуп койду.

- Мейли эми, балдарым аман болсо болду. Кантейин, "Акынай ошолорду кагып-силкип жатабы" деп жүрөгүм ооруп чыкпадыбы.

- Кам санаба, ал деле аял, эне болот ал дагы.

Экөө көпкө чейин унчугушпай калды. Чачыкейге жакшы сөз майдай жакчу. Самат анын сырын билип алып дароо эле жакшы сөз менен жойпуланып киргенде, Чачыкейдин ачуусу келгени бат тарап, баарын унутат. Анын ошол кыялы Саматка жага бербей калды: "Алдаганга бат көнөт, баладай кыялы бар байкуштун, демек акырына чыгалбайт" деп ойлоп калды.

Ал аз күн мурун бир бойдок келин менен таанышкан. Ал дагы сөз айтып, айта электе макул болгон эме экен, Самат аны менен ойноп алган. Бирге иштешет. Гүлнур өзү сулуусунан келген толмоч келин. Кечээ аны менен досу болуп тоого чыгып, түндү талаада өткөрүштү. Досу Элмураттын да үйбүлөсү бар, ал мурдатан бери жүргөн келинди ээрчитип алган.

- Талаада түнөп өлөбүзбү? - деп Гүлнур кеч кире баштаганда эле экөөнө карады.

- Талаада түнөбөгөндө булар жашыруун там салып койду дейсиңби? - деди Азиза каткырып.

- Эч кам санабагыла, койнубузга катып алабыз, ыссып жатасыңар.

- Ай-ий, азыр кеч күз да?

- Эмне экен, эки, экиден кучакташып жата беребиз, - деп Элмурат Саматка көзүн кысып койду.

- Ананчы, силерди үшүтпөй калалы, - деп Самат да күлүп калды.

Төртөө тамашалашып каткырып күлүп, ак суудан ичип көпкө отурушту. Эки-экиден кучакташып бышырган дымдамадан жеп коюп ырдап жатышты. Гүлнурдун үнү абдан жакшы экен, аны суранып кол чаап калышты.

- Болуптур, силердин сурооңор боюнча, - деп Гүлнур үнүн жасай комдонуп койду.

Сүйдүм сени, жарың болсом түбөлүк деп.

Жүрөгүмдөн арзуу кылып жүрөм сен деп

Кетпе менден, кетпе менин аруу сүйүүм

Мен сен үчүн өмүр бою күткүм келет деп.

- Ой уу-уй, кандай аваз, керемет үнүң бар экен секет, сыйкырлап алгандай кайда отурганыбызды унутуп калыптырбыз, - деп Элмурат озуна колун чаап калганда Самат:

- Ой сен өзүңдүн селкиңе кара, менин селкиме көзүңдү артпа! - деп каткырып калды.

- Сен эмне, кызганып жатасыңбы? - деп Элмурат ага таңгала карады.

- Конечно, кызганбаса оокат болобу, Гүлнурка, туура айтамбы? - деп Самат каткырып кое берди. - Кана Азизаны ырдатып көрчү.

- Ырдаса ырдайт да, эмне экен? Экөөнү жарыштырып сыйлык коелубу? - деп Элмурат аны тамашалай кыздарды карады. - Кандай дейсиңер, ыя кыздар?

- Койгулачу ай, бала болуп кетесиңер да? - деп Гүлнур наздана карап Азизаны көз кыйыгы менен ымдап койду. - Биз силерге оюнчук белек ээ Азиза?

- Ошону айтсаң, ойнотуп көңүл ачыргандын ордуна ээн талаага алып келип алып тамаша кылгылары бар, - деп Азиза Элмуратты карай көзүн сүзүп койду.

- Таарынбагыла кыздар, силер бар үчүн ушул жерде отурабыз да, сулуулар!

- Баракелде досум, туура айтасың, булар болбосо ээн талаада гүл жыттанган таза абада отурбай катындардын маңдайында үңкүйүп отурмакпыз.

- Койгула эми, жигиттер биз үчүн көңүл ачып отурушат. Азиза, жүрү суу бойлоп басып келеличи! - деп Гүлнур Азизага карай колун жаңсап өйдө болду.

Шарактап суу жээгине барып, жаш кездериндегидей кубалашып ойноп чер жазышты. Улам стаканга куюлган арактан тигил экөөнө ичирип жатып, кыздар кызып калышты. Түн бир оокумда гана машинадагы төшөктөрүн жерге жая салып, эки-экиден жатып калышты.

Мындай күндөр Саматтын өмүрүндө көп эле болду. Чачыкей ошондон кийин далай жолу жалгыз кызын кучактап, түн терметип, убакыт өткөрдү. Үч күн катары менен келбей төртүнчү күнү келген Саматка кыйкырып кирди:

- Сен деп мына бул жерде отурсам, сен эмне кылып жүрөсүң ыя? Ишенгеним сен болсоң… - деп Чачыкей ыйлап жатты.

- Койчу эми Чачыкей, капаланбачы деги, бир иштер менен кетип калбадымбы, эми эч жакка барбайм, - деп Самат Чачыкейди кучактап өөп койду.

- Ошенте бересиң, анан жоголуп кетчү болдуң. Сен деп балдарымдан, төркүнүмдөн бездим, же ата-энеме барып келели десе колуң бошобойт, - деп Чачыкей булкулдап таарынычын төгүп жатты.

- Болду эми, барып келебиз. Апама баралы, андан кийин сенин ата-энеңе барып жүрүп келесиң.

- Көрөм, дагы канча калпың чыгаар экен, балдарымдан жат болдум.

- Сен жат болсоң, мен эмне жыргап жүрөмбү? Кимисинин колунда кордук көрүп жүрөт деп ойлобойт дейсиңби? Сенин балдарың го өз атасынын маңдайында, - деп Самат ушул ирээт ачуулана кетти эле, Чачыкей унчукпай калды.

Экөөнүн тең жүрөк ооруткан маселеси ушул эле. Чачыкейди ата-энеси экинчи көзүбүзгө көрүнбөсүн дегенин угуп жаман абалда калды. Камбар менен Алтын эки баласын таштап кеткен кызына ачууланып жүрүшкөн. "Ботом, жылаан да таштабайт, адамдан ушундай мерез чыгат деген эмне шерменде? Жок дегенде зарлап жүрүп тапкан балдарын ойлобойбу?!" деп Алтын жини келип жүрдү: "Кызыңдын эси жоктугу да, болбосо эркектин башын аттап кеткен аял оңбойт, кусурга калды кызың, эркек Өмүрбек кетсе бир жөн", - деп Камбар андан бетер ачуусу келип жатты. Кийинчерээк кыздуу болгонун укканда Алтын күйөөсүнө айтты эле:

- Тим кой жүрө берсин, өлбөй аман жүрсө болду, - деп койду Камбар.

- Өзү деле кантип келет ботом, бетибизге чиркөө кылып эрин, балдарын таштап кеткен неменин жүзү кара да, - деп Алтын ошенткен менен күйөөсүнөн өтүнө албай турду.

- Келбесин ошондон ары! - деп Камбар сөз укпай сыртка чыгып кетти.

Эне жүрөгү ичтен чыккан ийри жыланын кыялбай отуруп калды.

Чачыкейдин жашоосунда чыныгы тозоктуу күндөр башталды. Кызы басып калганда дагы кош бойлуу экенин билип алдырып коймок болуп врачка барды эле, ал чоңоюп калганын айтты. Аргасыз көзүнүн жашын көл кылып отуруп калды. Бир жумадан бери Самат дагы дайынсыз. Тапканын үйгө алып келбей калды. Жээрге эч нерсеси жок, Чачыкей кызын көтөрүп алып ата-энесине келди. Анын өзү келгенин көргөн Алтын унчукпай тосуп алды, жүдөп калганын көрүп, ичи ачышты. Өмүрбек менен жашап жүргөндө кийимдин адимисин кийип жалтылдап жүргөн келин эми абалы кыйын эле. Колундагы шакеги менен чынжырын, сөйкөсүн сатып эптеп келген экен.

- Апа, мени кечиргиле, Самат командировкага кеткен, үйдө жалгыз отуралбай келдим, - деп Чачыкей жер карап отурду.

Эне эмне демек, куурчактай болуп жүгүрүп жүргөн небересин өөп-жыттап, кызын үнсүз карап:

- Өз очогуңдан өзүң козголуп алдың, балам. Өмүрбекти эркек дейт, эми балдарың сени кечирбейт. Акынайды апалап отурат, өз ырыскыңды өзүң берип койдуң, - деди.

- Эмне кылышым керек, апа. Мен деле жакшы жашап жатам, азыр Самат командировкада, келсе кетем, - деп Чачыкей нымтырай сүйлөдү.

- Кантип айтып жатасың кызым, кебетең бул, жакшы жашаган кейпиң жок, көрүнүп турбайбы?

- Дагы боюмда бар, ошого кыйналып калдым…

- Ийе кокуй, дагы төрөсөң багаар эриң тентип жүрсө, шоруң каткан экен го?

- Койчу апа, жакшынакай эле жашап жатам. Эмнеге эле мага асыла бересиңер? - деп Чачыкей ыйлап жатканда Камбар кирди.

Ал унчукпай карап коюп ордуна өттү. Чачыкей да, Алтын да үнсүз отуруп калды. Камбар үңкүйүп карабай койду. Саяна ага келип "ата, ата" деп алдына отуруп, кайра таенесине барып ортодо ойноп жатты. Бир кезде наристеде эмне күнөө дедиби, алдына келген үч жашар кызды колуна алып өөп кайра койду.

Чачыкей үч-төрт күн жүрүп, өз ата-энесине батына албай, баштагысындай сүйлөй албай аргасыз кетмек болду. Алтын катканын ага берип, бир аз тамак-аш берип жөнөттү. "Өзүмө-өзүм кылдым, кокус Саматтын жоругун айтсам ырас болуптур деп атам кууп чыгат, андан көрө сыр билгизбей кетип калайын, тагдырым буйруганын көрөөрмүн" деп, Чачыкей ыйлап кетип жатты.

Ал келсе Самат үйдө достору, эки-үч келин менен отуруптур. Чачыкейди көрүп эле кызын ала коюп эркелетип калды:

- Үйгө келип таппай калдым, булар азыр эле келген, - деп Самат кайсалактай ага сүйлөп жатты.

- Мен эми сенсиз жашайм, ушулар менен кайда барсаң айда бар, мен эки бала менен каякка бармак элем? - деп Чачыкей аны менен сүйлөшкүсү келбей эшикке отуруп алды.

Самат аны биротоло кеткен экен, жакында келе койбойт деп ойлогон эле.

- Кайдагы эки баланы айтып жатасың? - деп Самат түшүнө бербей сурады.

- Менин боюмда бар экен, алдырып коеюн десем убактысы өтүп кетиптир…

- Кудай берет деген ушул байбиче, эч коркпо, багып алам! - деп Самат аны кучактап өөп дагы амалданып кирди эле, Чачыкей аны түртүп ийди.

- Багасыңбы?! Тырмактай кызым экөөбүз бир жума ачка жаттык, алтындарымды саттым. Сен кара жаныңды багып, тапканыңды талаага чачып жүрөсүң!

- Койчу эми Чачыкей, эл угат.

- Укса уга берсин, азыр мен кууп чыга электе кетип калсын, болбосо ойношуңдун чачын бирден жулам, мени эчтеке билбеген макоо деп турасыңбы?!

- Акырын эми, азыр кетишет, - деп Самат аны тынчтандырып коюп, үйгө кирип жайма-жай отурган досторун үйдөн ээрчитип чыкты.

Алар унчукпай чыга жөнөштү, Самат аларды короонун оозуна чейин узатып кайра тартты.

- Кайра эмнеге келатасың? Бара бер, сени кармаган жерим жок! - деп Чачыкей ага жиндене үйгө кирип кетти.

Үйдүн ичи чачылган, төшөктөрү аркы-терки чачылып, арактын жыты бур этип үйгө толуп чыгыптыр. Эшик-терезелерди ачып жыйнап кирди, кызы өзү менен өзү ойноп жатты. Самат кошомат кылып кошо кармашып жүрөт. Чачыкей өзү абдан таза, үйүнүн чачылганына жүдөп кетчү.

- Чачыкей, капа болбочу, эртең айлыгымды алам да ун, кант, чай алып келип коеюн, ээ?

- Алып келбесең тигилериңе чача бер!

- Койчу эми, кечирип койчу, мен ойноп жүргөн жокмун, иштеп жүрдүм. Мурдагы жумуштан чыгып, башка ишке кирдим, буйруса баары жакшы болот, - деп Самат жан алы калбай ишендирүүгө аракет кылып жатты.

- Тапканыңды көрө элекмин, үч-төрт жылдан бери жетип-жетпей келатабыз, жадагалса үйдөгү кишинин эмне жеп-ичээрин ойлоп да койбойт экенсиң.

- Эми эч качан андай болбойт, кызым экөөңөрдүн жаныңардан чыкпайм! - деп Самат кызын көтөрө калып ары-бери басып кеп жебей жатты.

Чачыкей эми аны тим койду: "Айткан менен кеп укпаса эмне кылам, өзү билсин, эми кышында төрөсөм шорум катпаса болду" деп сары санаага батып жатты.

Убакыт өтө берди, төрөөр маалы жакындаган сайын коркуп өзүнчө ойлонуп отуруп-туруусу да кыйнады. Ошол күнү эми ооругансып турган эле, кирип-чыгып Саматтын келип калышын тилеп жаткан. Эшиктин алдында кызын карап отурса эле таяк таянган кемпир келип калды.

- Ыя айланайын, сен Саматтын аялысың го? - деди ал көзүн жүлжүйтө карап.

- Ооба апа, сиз кимсиз?

- Мен Саматтын апасымын, "карыган апам бар эле" деп бир кайрылып барбады, деги өзү аман-эсен жүрөбү?

- Жүрөт апа, келиңиз үйгө кириңиз.

- Аялын кетиртип бир келин тийип алыптыр дешти эле, ошонусу сенсиң го?

- Апа, аялын мен кетирткен эмесмин! - деп Чачыкей кемпирди таңгала карады.

- Анан үч баласы менен эмнеге кетет? Балам, Саматыма жаксаң болду, эми кантейин.

- Апа, үйгө кириңиз, Самат азыр келип калат.

- Кирбей анан, кирейин садага, бу сенин кызыңбы? - деп кемпир Саянаны көрсөттү.

- Ооба, ал Саматтын кызы.

- Ии-ий садага кетейин десе, кел келе гой, - деп ал Саянага эки колун созо чакырганда, кыз тепилдеп жүгүрүп келди. - Алдыңа кетейин чүрпөм десе, аман болсоңор болду.

Кары кызды өөп коюп, бөжөңдөй үйгө кирип баратты. Чачыкей ага чай бермек болду, бирок чыдай албай калды. Аргасыз эптеп барып коңшусуна жетти. Ал көрүп эле чыйпылыктап доктурга алып жөнөдү. Кемпир кичинекей кызды алып калды.

Чачыкей кыйналып жатып, түн ортосунда эгиз уул төрөдү. Саматтан дайын болбоду. Кайненесинин келип калганына кубанып жатты. Саянаны караганга эч ким жокто. Төрөтканада ал төрт күн эле жатты, суук болгондуктан эрте чыгып келип, үйүндө эки баланы карагандан өтө кыйналды. Саматтын апасы Созул өтө картаң болгондуктан ага жардам бере албай колуна наристени берип койсо алып отурганга жарайт. Арадан он беш күндөй өтсө да Саматтан дайын болбоду. Чачыкей кайненесине чай берип отуруп:

- Апа, Самамттын жоругу ушул, үйгө келбейт, мени бузуп тийди деп жатпайсызбы, ал өзү ушинтип үйгө келбесе аялы кетет да, үйдө эмне бар, эмне жогу менен иши жок, - деди.

- Аа-а чунак балам ай, кайда жүрөт, ботом? - деген кары келинин карап койду.

- Билбейм, үйдө тамак-аш жок, же акча жок, жаш балдар менен кантем, апа? - деп Чачыкей ыйлап отурду.

Карыган киши чөнтөгүнөн түйүнчөктөгү акчасын алып чыкты:

- Муну ал балам, аны кудай урган экен, токтоло турган деле болуп калды, - деп эне кейий пенсиясын Чачыкейге берип, окшошуп бейкапар уктап жаткан наристелерди таптап отуруп калды.

Чачыкей эми эле эшикке чыккан. Үч-төрт адам менен эки милиция келатканын көрүп жүрөгү шуу этип алды.

- Саламатсызбы? - деп милициянын бир учурашып койду.

- Саламат, келгиле…

- Эже сиздин күйөөңүздүн аты-жөнүн айтып коюңузчу…

- Эмне болду, жөн-жай элеби?

- Жөн-жай эле, тактайлы дегенбиз… - деп эки милиционер бири-бирин карап калды.

- Бектурганов Самат Кадырбаевич, 1953-жылы туулган.

- Хорошо, жакшы калыңыз.

Алар кетип баратты. Чачыкейдин жүрөгү бир жамандыкты сезгендей тынчы кетип дүкөнгө барбай эле кайра үйгө кирди. Созул балдардын жанына жатып, тиши жок оозу буф-буф этип эчак уйкуга кирген экен. Саяна анын этегине жатып, ал да уктап калыптыр. Чачыкей улам кирип-чыгып жатып, саал эс ала түшкөндө дүкөнгө жөнөдү. Кечкиге эч нерсе жок эле, тамак-аш алып келмек. Дүкөндөн келип тамак жасап кайненесин тургузду. Жаш баладай кылып анын алдына тамакты муздатып коюп берди да, кызын тамактандырып, өзү да ичти. Аңгыча күүгүм кирип жатып калышты. Түн бир оокумда кобураган үндөр эшигин такылдатты. Дүпүрөгөн эл, милициялар жүрөт. Короонун ичине машинаны киргизип бир нерсени түшүрүп жатканын көрүп таңгалды. Караңгыда эчтеке билинбеди.

- Айланайын, Саматтан айрылып калдык! - деди бири караңгыда.

Чачыкей эки-үч аял кайдан пайда болгонун сезбей да калды, эркектер өкүрүп ийди.

- Эмне болду, эмне болуп кетти? - Чачыкей эчтекеге түшүнбөй дени өлүп тура берди.

- Оо коку-уй, күйөөңдөн айрылдың, Самат авария болуп калыптыр! - деди аялдардын бири.

- Сама-ат! - деп бир бакырды да, Чачыкей турган жеринде кулап түштү…

Ошентип Самат көзүн ача элек эгиз уулдарынын жүзүн көрбөй өтүп кетти. Чачыкей үч баласы менен кала берди ыйлап-сыктап. Эки агасы, бир карындашы келип башында болушту. Чачыкейдин балдарын багышканга кайнагасы кызын алып келип, Созул да калды. Кайгырган менен өз ордуна келиши кыйын эмеспи. Жаш балдары менен жашоосун улантуу Чачыкейдин парзы.

Кийин укса Саматтар машина менен кулап түшүп суу ичинде үч күн жатып калышкан экен. Төртөө тең каза болушуптур…

Арадан он жыл өткөндө балдары чоңоюп эс ала түштү. Кызы Саяна татынакай болуп чоңоюп баратты. Асан-Үсөн өтө тентек, Чачыкейдин тилин укпай өз билгендерин жасашчу болду. Өзү да оорукчан болуп жумушка жарабай калды. Тентектигинин айынан коңшу-колоңуна суук көрүнүп, бири тереземди сындырып койду деп келсе, бири тоогумду атып өлтүрдү деп күндө ыр-чырдан куру эмес. Ойногон балдары менен сөзсүз чеке томпойгуча мушташып келишет. Аргасы кеткен Чачыкей эмне кылаар айласын таппай ыйлап-сыктап тим болот. Ары-бери карагыча дагы беш жыл өтүп кетти. Саяна тал төөндөй болуп бойго жетип калды. Мектепке барып кайра түз келет, сабагынан жакшы окуйт. Бир күнү Асан-Үсөн үйгө келбей калды.

- Саяна, Асан-Үсөн кайда кетип калды?

- Билбейм апа, түштөнгөнү да келишкен жок.

- Алда кокуй күн ай, кайда кетишти, аман-эсен болсо экен, - деп Чачыкей чыйпылыктап ары-бери жүгүрдү.

Келээр деп күттү, тааныгандардан сурашты, эч дайыны билинбеди. Түнү менен уйку көрбөй таң атырды. Саяна андан бетер тынчы кетип ойлоно берип уйкусу качты. Ошол бойдон бир да дайыны билинбей кетти. Чачыкей санаадан карып болуп калды, чачтары агарып, жүзүнө бырыш түштү. Жарым жыл ичинде көрбөгөнү калбады. Акыры кызын ээрчитип шаарга жөнөдү. Кайнагасы менен кайын сиңдисине айтып сүрөттөрүн ар жерге илди. Бирок дайыны такыр билинбеди. Саянаны кайын сиңдисинин үйүнө коюп койду. Ал сегизинчи класста окуп калган. Шаарга окумак болду. Чачыкей аргасы кеткенде балдар колониясынан издемек болуп милициянын эшигин түртүп, айласы кетип ооруп жатып калды.

Арадан бир жыл өткөндө Үсөн келип апасын таппай калды. Коңшуларына жолугуп милиция аркылуу табаарын билгенде ал өзү барды. Ошол кечте Чачыкей ордунан зорго туруп айылдагы үйүнө жөнөмөк болуп жаткан. Эшиктен күйөө баласы Түмөнбай кирип келди:

- Жеңе, сүйүнчү, Үсөн айылдагы үйгө барыптыр.

- Оозуң май айланайын, Үсөн барса, Асан да баргандыр? - деп Чачыкей көзүнүн жашын көлдөтө жолго шашылыш чыкты.

Саянаны калтырып өзү жөнөмөк болгондо кайын сиңдиси менен күйөө баласы такси жалдап келе калды. Үчөө айылга жетип келсе Үсөн эшигинин алдында отурган экен. Чачыкей уулун кучактап туруп өзүн жоготуп койду.

- Апа, апа, сага эмне болду? - деп Үсөн коркуп кетип, эжелери болуп үйгө киргизишти.

- Уулум, Асан кана, ал дагы келеби? - деп Чачыкей көзүн араң ачып, алсыз үн катты.

- Апа, ал дагы келет, мен сизге иштеп акча алып келдим!

- Акчаң менен кургур, өзүңөрдүн амандыгыңар керек кокуй, мени куураттыңар го дайныңар чыкпай.

- Биз иштеп эле жүрдүк, апа, - деп Үсөн чоң кишидей токтоо сүйлөп, бою өсүп калганын аныктап көргөн Чачыкей эми аны кучагына кысып өөп, жыттап жатты.

- Каралдыларым десе, силерсиз менин көргөн күнүм курусун!

- Жеңе, болду эми кыйнала бербей, Үсөнтай келди, Асан да келсе көңүлүңүз тынып калат, - деп Шуру жеңесин тынчтандыра ысык чай берди.

Көптөн кийин Үсөн ары жакка катып койгон баштыктагы бирдемени алып келди.

- Мына апа, Асан экөөбүздүн бир жылдан бери иштеп тапканыбыз, мен кайра кетем, мен баргандан кийин ал келет, ойлонбой жүрө бериңиз, - деп он төрт жаштагы Үсөн айтып турганда анын акчасын карабай эле "кетем" дегенине кейип кирди Чачыкей.

- Каякка барасың каралдым, кереги жок акчаңдын, азыр иштегенге жашсыңар, эч жакка барбайсың, жибербейм сени.

- Апа, мен барбасам Асанды жибербейт, - деп Үсөн жер карады.

- Жеңе, ой-ий карачы алып келген акчасын, жалаң доллар экен! Иштесе иштей берсин, аман-эсен болушса болду да, - деп . Шуру баштыктагы акчаны көрүп кызыгып жатты.

Чачыкей күйөө баласы менен кайын сиңдисинин жубатканына көнүп, эс ала түштү.

- Асан келгенде машина минип келет, апа. Анан биз сизди эч нерседен кемитпей багабыз, Саяна эжемди окутабыз, - деп Үсөн ого бетер апасын көндүрүп жатты.

Токтоло түшкөндөй чоңое түшкөн уулун көрүп: "Мейличи, иштесе иштеп келсин, ээнбаштык кылып көчөдө жүргөнчө, бирөөнүн колунда иштеп жаткан го, азыр заман ошондой болуп калбадыбы" деп ойлоп, Чачыкейдин санаасы тына түштү.

Эки-үч күн жүрүп, Үсөн кайдадыр кетти, үстү башы тың, бою шыңга болуп өсүп, токтоо тартып калган уулунун кебетесине Чачыкей кубанып да жатты.

Аз өтпөй Асан келди. Анын кычырай кийинип, машина менен келгенине коңшулары суктанып жатты. Асан келгенде да бир топ акча алып келип эки күн гана туруп, кайра кетти. Чачыкей бул жолу ыйлап-сыктаган жок. Баласынын кайда, эмне жумушта иштегенин да сурабады. Болгону аман-эсен жүргөнүнө кубанып алды.

Ошентип убакыт өтө берди. Асан-Үсөн анда-мында келип көрүнүп коет. Жашоолору оңолуп, Чачыкей Саяна экөө шаардан үй сатып алышты.

Саяна мектепти бүтүп окууга тапшырды. Бул кезде Өмүрбек дагы шаарга кызматка көтөрүлүп келип, дал ошол кезде союз ыдырап, өлкө чак-чалекей түшкөн учурда ал ишканалардын бирин приватташтырып алып бизнес кыла баштаган. Эдил окуусун бүтүп, прокуратурада иштейт, бала-чакалуу. Эмил жыйырма үчкө чыкса да үйлөнө элек, ал окуп жаткан болчу. Ал бир мүнөздүү болуп чоңойгон. Акынайдын уулу менен кызы да бой жетип баратат. Балдары чоңойгондон кийин ал мектепке жумушка кирип иштей баштаган эле.

Саяна университетке тапшырып өтпөй калып, медучилищага окуп калды. Күндө троллейбус менен барып келет. Ошол күнү эки аялдаманы жөө эле баскысы келип кетип жаткан. Ал ар дайым жер карап баса турган. Талдардын жанынан өтүп баратып бутуна келип токтогон топту көрүп өйдө карай калды. Маңдайында бир жигит турганын көрүп:

- Сиздикиби? - деп жылмайып койду.

- Ооба, - деп жигит да жылмая эңкейип топту алып, ары жактагы балдарга ыргытты да узап бараткан кыздын артынан жете келди. - Чоң кыз, токтой турсаңыз!

- Эмне, бирдеме болдубу? - Кыз кылчая карап туруп калды.

- Жок-жок, - Жигит башын кашылай туруп калды да, - Менин атым Эмил! - деп колун кандай сунуп жибегенин сезбей калды.

Кыз бырс эте күлүп оозун баса аны карап ойлуу жигитти бутунан өйдө сыдыра карап калганда Эмил да өз боюн бир сыйра карап алды.

- Саяна! - деген кыз кайрадан жолун улады.

- Саяна, күндө ушул жерден өтөсүзбү? - деп андан калбай келаткан Эмил сурап ага карады.

- Ооба, дегиңкиси мен троллейбус менен келчүмүн, бүгүн жөө келгим келген.

- Оо анда мени менен таанышкыңыз келген тура, - деп Эмил тамашалай кетти.

- Балким.

- Ушул жакта турасызбы?

- Ооба, жакын эле жерде.

- Жакшы тура , коңшу эле турат экенбиз.

- Сиз дагы ушул жакта турасызбы?

- Ооба, мына бул үйдө, - деп Эмил сол тарапта турган эки кабат үйдү колун жаңсай көрсөттү. - Саяна, кайда окуйсуз?

- Медучилищада.

- Жакшы экен, мен университеттин журналисттик бөлүмүндө төртүнчү курста окуйм, бош убактымда минтип топ ойной калам.

- Жакшы экен. Мен барайын, үйдө апам оорукчан эле… - деп Саяна ага кабагын бүркөй карады, - Апам оорукчан, сиз мени ээрчибеңиз, кокус апам көрсө…

Саяна тез-тез басып кете берди.

- Көрүшкөнчө, Саяна! - деп Эмил артынан кыйкырып кала берди.

Өзүнчө кубанычтуу жылмая "Мен таптым, таптым сүйүүмдү!" деп сүйлөнүп, топ ойноп жаткан балдарды көздөй жөнөп баратып да кыздын көз карашын, апакай жүзүн көз алдына келтирип алып ырахаттана балдарга кошулуп топ ойногонго киришти.

Өмүрбектин бизнеси күндөн-күнгө өрүүлөп, көптөгөн кирешелерди алып келип жатты. Тойчу да фирманын бир бөлүмүндө иштейт. Эдил болсо өз алдынча болуп иштеп кеткен. Өзү эки жакка кеткенде Өмүрбек Тойчуну өз ордуна коюп коет. Тойчу үч баласы менен батирде турат. Эдил болсо атасы менен турат. Назира мекеменин менеджери болуп калган, анын бир кыз, бир баласы Акынайдын балдары менен үйдө. Индира он алтыда, уулу он төрттө. Эдилдин балдары алар менен дайыма үйдө. Эртели кеч Өмүрбек неберелери менен алек. Тойчулар келип, кетип турушат, анын балдары чоң аталап жакшы көрүшөт. Жашы элүүгө чамалаган Өмүрбектин чачын бирин-серин ак аралаган менен, өзү жапжаш көрүнчү. Ага караганда аял эмеспи, Акынай улгайганы билинип бир аз картаң көрүнөт.

Алар кечки тамагын ичип жатканда Эмил кирип келди, өтө кубанычтуу келген уулун Өмүрбек сынай карады.

- Ийи бойдок, кайда жүрөсүң?

- Ата, топ ойноп жүрдүм.

- Ушинтип жүрө бербей үйлөнбөйсүңбү же такыр кыз жакпай жатабы?

- Бар андай кыз, ал…

- Эмне, жактырбай жатабы сени?

- Жо-ок, андай деле эмес… - деп Эмил эмне дээрин билбей күлгөн болду. - Жаңы эле тааныштым, ата.

- Анда тездет, үйлөнөбүз де…

- Макул, эми сүйлөшөм…

Эмил Акынай алдына койгон тамакты иче баштады, көз алдында Саянанын жүзү, жылмайганы, көз карашы. Кашыгын карап туруп жылмайып алды. Анын отурушун байкаган Акынай:

- Уулуң бүгүн аябай кубанычтуу, атасы. Кебетеси кыз абдан жагып калган го, сулуу да болсо керек, уулум? - деп күлүп калды.

- Болсо болгондур, андан көрө кайда жашайт экен, кимдин кызы, толук билбей туруп кыйналбагыдай бол, - деп Өмүрбек Эмилди карады.

- Үйү ушул эле жерде экен, "апам оорукчан" дейт, башка эчтеке билбейм, - деп Эмил Өмүрбекке карады. - Жакшы эле жашашса керек..

- Жакшы жашаганда кеп жок, кандай үйбүлөдөн экенин билишиң керек, болбосо бул жолу сага өзүм тандап алып берем!

- Жок, башканын кереги жок, үйлөнсөм Саянага үйлөнөм, болбосо кереги жок! - деп Эмил ордунан тура калды. - Ата, ишениңиз мага, ал кыз сиздерге да жагат.

- Макул, көрөлү. Сен аны үйгө ээрчитип кел, байкап, сураштырып көрөлү, - деп Өмүрбек уулун ойлуу карады.

- Сөзсүз алып келем, тааныштырамын алып келип, - деп Эмил өз бөлмөсүнө чыгып кетти.

- Өмүке, тим кой балаңды, өзү каалаганын алсын, кандай үйбүлөдөн болсо да кыз жакшы болуп, бизге ыймандуу келин болуп берсе болбодубу.

- Ээ аның туура дечи, аны көрө жатаарбыз. Индира көрүнбөйт да?

- Ии-и ал бүгүн мектепте бүтүрүүчүлөрдүн кечеси бар экен, ошого кеткен.

- Этиет кыл, жаман жолго түшүп кетпесин, шаарда сак болбосо болбойт. Ажар келип жатабы же келген жокпу?

- Ал кээде эле келбесе келбейт деле. Баса, аны эми күйөөгө беришиң керек Өмүке, мына жыйырма экиге чыгып калды, окуусун бүтөйүн деп калды. өзүң байкап жакшы жерге бербесең, өзү бир жайсызга кабылып калбасын?

- Кызым эстүү, апасы. Андан кам санаба, ал кычырап ак үйдүн ичинде секретарлык кылат, эси бар, өзү каалагандай болсун, андан көрө Индирага бир дос куда түшөм деп жатат, эмки жумада үйгө келишет.

- Индира жаш азыр, Өмүке, аны эрте күйөөгө бергенде эмне? - деп Акынай саал чоочулай карап калды, - жок дегенде бир, эки жылдан кийин…

- Азыр он жетиде, кийинки жылы алып кетишет, быйыл сөйкө салалы, балдар бири-бирин көрсүн, сүйлөшсүн деп жатышат.

- Ошондо деле…

- Эчтеке болбойт, кой жаталы, - деп Өмүрбек ордунан туруп спальныйга кирип кетти.

Акынай башынан Өмүрбекке катуу айтып, сөз талашчу эмес, азыр да унчукпай калды: "Кызымдын багы ачылсын, атасы эле ага жамандык кааламак беле, аттуу-баштуу бардар жерге келин болсо жакшы эмеспи" деп ойлонуп отуруп кеч жатты.

… Тойчу кийинки кездери бир жаш кыз менен таанышып калып ага байланып калды. Нурмира өз жумушу менен алек, жакында үй алабыз дегенинен Өмүрбек жардам берип, шаардын четинен жакшы үй сатып алышты. Короосу кең, бак шактуу, спальныйынан балкон чыгарып салынган кооз үйгө киришти. Тойчу Өмүрбекке ыраазы, кээде төрдө илинип турган сүрөттүн алдына келип:

- Силердин ата-энем экениңер эле болбосо атам да энем да болуп, баардык азап тозогума бир гана атам чыдап келе жатат. өмүр бою ага карыздармын. Уругум ким, кандай элдин тукуму экенимди да билбейм, жаткан жериңер жайлуу болсун, ата-энем. Силердин жүзүңөрдү көрбөй томолой жетим калган балаңар минтип эр жетти, өзү ата болду. Өкүнгөнүм башкалардай болуп төрүмдө отуруп аталык акылыңарды айтып отурбай, энелик мээримиңерди төкпөй эбак дүйнөдөн өтүп кеткениңер! - деп сүйлөп жатканда Нурмира артынан келип:

- Тойчу, капаланбачы, алар сага ата-энелик мээримдерин төгө албаса экөөбүз балдарыбызга татыктуу тарбия берип, мээрим төгөлү. Алды жагыбызда дагы толгон жакшылыктар бар, - деп ийинине колун койду.

- Алтыным, силер менин бактымсыңар, эң алды менин сыйлай турганым атам, ал мен үчүн баарын жасады, - деп Тойчу Нурмираны ийинден ала жүзүнө тигилди. - Билесиңби, мага жетимдин кийимин кийгизбей, ашын ичирбей бакты, мен аны акташым керек!

- Анчалык капалана бербечи, Тойчу, биз чогуу актайбыз атамдын эмгегин. Мени келин болуп босогосун аттаганы өз кызындай мамиле кылат, мен деле ыраазымын ал кишиге, ушунчалык кең пейил адам, - деп Нурмира күйөөсүнө жылмая карады, - Быйыл элүүгө чыгат эмеспи, машина белек кылалы…

- Туура айтасың, көзгө көрүнө турган нерсе белек кылышыбыз керек!

Эмил жүрөгү элеп-желеп боло Саянаны күтүп жатты, колунда бажырайган астра гүлү. Көпкө күттү, бирок ал кечигип жатты, күтүп-күтүп тажаганда гана гүлүн ыргытып жаберип басып кетти. Эч нерсеге көңүлү келбей Саянаны эстеп кыжаалат болуп жатты.

Бул кезде Саянанын жашоосунда жаман окуялар болуп, ал апасы экөө жүгүрүп милициянын эшигинде жүрүшкөн. Анткени Асан менен Үсөндүн бизнесинин бети ачылып, колго түшүп калышкан. Аларды канчалык сурап, сабап, урса да кимдер менен иштешкенин айтпай кармалып жатышты. Алардын иши сотко ашып кетээрине көзү жеткен Чачыкейге жакындары прокуратурага арыз менен кайрыл деп кеңеш беришти. Арызын жазып алып прокуратурага келгенде алдынан узун бойлуу арыкчырай жигитти көргөн Чачыкей көпкө тигиле Өмүрбекти эстеп карап, эси оой туруп калды эле, кызы:

- Апа болуңуз эрте, - дегенде араң ары жылды, - Эмнеге эсиңиз ооп туруп калдыңыз, көрүнгөндү карап жүргүдөй убакыт жок, - деп Саяна аны колтуктап кетип баратты.

Эдил да бул аялды бир жерден көргөндөй бир азга ойлоно түштү, бирок эстей албады. Апасынын сүрөтү бар эле, бирок анда жапжаш курагы болчу, азыр эч кандай окшобой калган.

- Айланайын, балдарым жаш, кайдан балээге кабылыптыр, алар бир жыл жоголуп кетип анан келген, коргоп бергиле, мен жесир аялмын, - деп ыйлап отурду Чачыкей..

Алардын артынан келген Эдил акырын сөзүн угуп турду.

- Кайда жүрүп келгенин билбейсизби, балдарыңыздан сураган жоксузбу?

- Жок айланайын, бир жылдан соң аман-эсен келгенине кубанып сураган деле эмесмин.

- Балдарыңыз экөө тең наркотик алып жүргөн жеринен кармалды, болгондо да Алматыга кетип жатыптыр. "Эч нерсе билбейбиз, өзүбүз пайдаланабыз" дешет, текшергенде таза, - деди прокурор.

- Мен кайдан билем садага, экөөнү уурдап кетип пайдаланып жүргөндүр, коркутаттыр… - деп Чачыкей ыйлай берди.

- Ыйлабаңыз, кай жерлик болосуз? - деп бери жактан Эдил сурады.

- Таластан болобуз, Кош-Дөбө деген жерден.

- Аа-а, мен деле Таластан болом, бирок айылыбыз бөлөк тура , - деп Эдил улам Чачыкейди бир, Саянаны бир карап коюп, ойлонуп жатты: "Балким апамдыр, көрбөгөнүмө жыйырма жыл болду, улгайды да. Кызы өзүнө окшош экен. Бүгүн альбомду карап көрөйүнчү" деген ойдо чыгып кетти.

Чачыкей арызын таштап коюп жөнөдү. Асан-Үсөн болсо убактылуу сизодо жатып калды.

Эмил эртеси да келди, үйүн айланчыктап жүрө берди. Кечке жуук Саяна дарбазадан чыга калып жол боюнда турган Эмилди көрүп күлкүсү келип кайра кирип кетээрде:

- Саяна! - деп Эмил жүгүрүп жетти.

- Эмне болду, үйдө апам бар! - деп Саяна эки жакты карап, уялгандай үйүн бир карады да эшигин жаап аярлай калды, - Эл көрсө эмне дейт?

- Саяна, кое турсаң бир аз, менин сага айта турган сөзүм бар, - деп Эмил аны колдон кармай калды.

- Эмнени айтмак элеңиз? - деп Саяна балалык байоо жүзү менен аны күлө карады. - Сиз экөөбүздүн ортобузда сөз болушу керек эмес эле…

- Саяна, мен сени жактырып калдым.

- Эмне?!

- Кыскасы сага үйлөнөм!

- Кызыксыз го? - Саяна ага жини келгендей кабагын чытый карады, - Мен азыр эч нерсени ойлоого убактым жок, кетиңиз бул жерден, - деп дарбазаны ачып кирмек болгондо Эмил түртүп туруп алды:

- Макул-макул, анда жок дегенде жолугуп туралычы.

- Жолукканга убактым жок дедим го, түшүнөсүзбү.

- Саяна, кечир мени, жөн эле жолугушуп туралы да…

- Көрөбүз, мени апам урушат, мен кирейин…

- Саяна, эртең кечки жетиде баягы таанышкан жерден күтөм.

- Анчалык кеч чыга албайм.

- Анда саат беште.

- Макул, ойлонуп көрөм, - деп Саяна жылмая карап коюп кирип кетти.

Эмил анын кирип кеткенин карай ойлуу бир саамга карап туруп анан үйүнө жөнөдү. "Жаш кыз да, азыр сүйүү келе элек, эки жакка да чыгып көрбөгөн го, бул жерге жакында эле келсе керек" деп коюп үйүнө келди. Өмүрбек аны күндө көргөн сайын: "Кана, кызды качан алып келесиң?" деп сурай берчү болгон, бүгүн жолуккусу келбей үстүңкү кабатка чыгып баратканда Акынай аны токтотту.

- Эмил, кардыңды тойгузуп, анан чык, Индира беш бармак жасаптыр, келип отур.

- Азыр, атам келе элекпи?

- Ал бүгүн келбейт, жолугушуум бар дейт, бизнес боюнча жумуштары бар болсо керек.

- Аа-а.

Эмил эс ала түштү: "Эртең келсе жообун берем, Саянага сөзсүз белек даярдашым керек" деп ойлонуп алдына келген тамакты ичип жатканда Акынай ага:

- Сен бизге кызыңды тааныштырмак эмес белең, убакыт өтүп жатат го? - деп суроо салды.

- Апа, сөзсүз бир күнү алып келем, ал уялып жатпайбы, - деп Эмил жер карай жооп берди, - Өзү абдан уяң экен.

- Айылдан келген кыздардан го, шаардык кыздар болсо дароо эле ээрчип келмек?

- Ошондой го, өздөрү деле жаңы көчүп келсе керек…

Ошону менен сөз бүтүп, ар кимиси өз бөлмөлөрүнө кирип кетти. Ушул күндөрү адам баласынын кээси үчүн бактылуу болуп өтүп жатса, бирөөлөр үчүн машакаттуу да, азаптуу да болуп, билинбеген өмүр суудай жылжып өтө берди. Суунун агымы сыяктуу бир туруп мал кечип ылайланса, бирде таптаза болуп адам өмүрү жарыкчылыктын берген энчисине эгедер болуп өтүп кете бергени өкүнүчтүү. Өмүрбек жашоодо эмнени ойлоп, эмнени эңсесе баары орундалды десе болот. Чачыкейдин көкүрөгүндө өкүнүч, арман күйүт менен бирге кубаныч да жашап келет. Кубанычы - көрбөсө да балдарынын адам болуп өсүп калганын элден угуп көрүүгө ашыгат, Саянасы бой жетип окууда окуп жатат. Арманы - күйөөсү Саматтын эрте дүйнөдөн өтүп кеткени, өксүгөнү - эки уулунун жаман ишке кабылып тор артына отурганы турганы, эптеп эле чыгарып алсам дейт. Колунан келбей, бирок куткарсам дегенде эки көзү төрт. Балдарынын алып келген акчалары катылуу, кимисине берип сүйлөшөөрүн билбейт. Күнү-түнү ойлонгон менен жол жоктой. Прокуратуранын эшигине келе берип таманы тешилди. Же соту болбой бир айдай кармалды да бир күнү үйдө отурса экөө ээрчишип кирип келди.

- Оо кагылайындарым десе, кандай кудай жалгап бошонуп келдиңер?! - деп Чачыкей жаткан жеринен чалынып-чулунуп тура калып кучактап калды.

- Апа коркпоңуз, биз мына келбедикпи, - деп экөө тең күлүп коюшту.

Чачыкей бойго жетип кыл муруттары өсүп, үнү жооноюп калган балдарын кубана карап турду. Жетине албай тамак ашын коюп же-ич деп калдастап жатты. Ал түнү балдары үйдө болду. Эртеси эрте турган Асан:

- Апа, сиз кабатыр болбоңуз, биздин ишибиз абдан жашыруун, бир гана телефон менен бизди бошотту, таянычы күчтүү окшойт. Үсөн калсын, мындан ары мен гана иштейм аларда, - деди үнүн пас чыгарып.

- Кой балам, барбасаңчы, андан көрө окуп-чокуп адам болгула! - деп Чачыкей уулун жалдырай карады. - Кокус биротоло калып калсаңар кантем?

- Жок апа, Үсөндү бошотту, мен алардан чыкпайм, шефтин жан жөкөрүмүн, демек эч жол жок. Кудай деп жашай бергиле, буюрса шефтин орун басары өзүммүн, мен жөнүндө сөз болбосун! - деп апасы менен коштошуп, Саянага анан Үсөнгө коштошту да жөнөп кетти, анын машинасы калды..

Чачыкей балдарынын крим дүйнөсүнө аралашып калганын сезди, аргасыз көз жашын үнсүз агызып кала берди. Дегинкиси Үсөн өтө коркок да, бош эле. Аны бошотуп жатып: "Оозуңдан сөз эмес, жел чыкса капа болбо. Асан бизде, анын өмүрү сенин гана колуңда" деп жөнөөрдө айткан эле алардын башчысы.

Саяна окуусун окуп, андан кийин үйгө түз келчү, эми аны бура бастырбай Эмил тосуп алат да сүйлөшүп тура берет. Бара-бара ал ага көнүп кетти. Троллейбустун аялдамасынан өтүп эле көзү жолдо, бирөөнү издеп калат, кокус көрүнбөсө кылчактап эки жагын карана берчү болду. Бүгүн да ошентти, Эмилдин карааны көрүнбөгөн соң өзүнчө таарынгандай: "Эмнеге көрүнбөйт, же келбейби, мени неге унутту, балким жумушу чыгып калгандыр" деп эки жагын каранып кетип жатканда артынан:

- Саяна! - деген үн чыкты. Саяна бурулуп карай койсо Эмил колуна гүл көтөрүп жүгүрүп келатыптыр, - Бүгүн аябай эрте келдиң го?

- Билбейм, - деп Саяна саатын карап алды, чын эле күндөгүдөн жарым саат эрте экен, өзүнө-өзү күлкүсү келип Эмилди күтүп туруп калды.

- Кандай Саяна?

- Жакшы, өзүңүз кандай…

- Баары жакшы..

Сөзү түгөнгөндөй Эмил катар басып баратып: "Ушул кыз менин жарым болсо ээ" деп ойлонуп алып кыз туюп койгондой унчукпай кете берди. Жаштыктын мындай мезгили адамды бакытка бөлөп, телегейин тегиз кылып коет эмеспи. Эмил кызга бир нерсени айта албай турду, бирдеме десе эле ойт берип жүрүп кетчү улоо аттай аны уурдана карап коюп, бир түп дуб дарагынан түбүнө келгенде токтоп калды. Саяна дагы токтоп экөө бири-бирин тиктешип туруп, анан күлүп жиберишти.

- Сүйлөбөйсүзбү?

Саяна ушинткенде Эмил:

- Саяна, мени укчу, бүгүн ата-энем сени бизге тааныштыр деди эле… - деди көздөрүн андан ала кача.

- Мени эмнеге?

- Билбейм, сени көргүлөрү келет.

- А барбасамчы? - деп Саяна Эмилди жылмая карады, - Кыз болсо эле тааныштыра бересизби?

- Жо-ок, буга чейин бир да кыз менен сүйлөшкөн эмесмин.

- Эми деле сүйлөшпөй койбойсузбу? - деп кыз аны күлкүсү келе карады.

- Койчу Саяна, үйдөгүлөргө эмне деп айтайын, жооп берчи? - Эмил кызды шаштыра кетти.

- Кыйнабаңыз, дагы бир жолукканда сөзсүз…

- Анда болду, сүйлөштүк ээ? - деп Эмил шаша кыздын колун силкилдете кетти.

- Убада эмес, байкап көрөм, - деп Саяна ойлуу бир аз Эмилди карап туруп, - ата-энеңиз биздей карапайымды теңине алаар бкен? - деди.

- Саяна, менин ата-энем андай эмес, сен сөзсүз аларга жагасың!

- Менин апам менен эки инимден башка эч кимим жок, туугандарыбыз бар дечи…

Көпкө чейин экөө бак түбүндө сүйлөшүп турушту, айтылбаган таттуу сөздөр калбады, бири-биринен ажырагыс болуп көздөр-көзгө тигилип, ийинине тийип тура беришти. Кыз дагы андан башкага көңүл бургусу келбей жигитти элестетип өзүнчө эле бактылуу болуп калган эле. Коштошоордо Эмил кыздын колун бекем кысып:

- Менин ата-энем эртең үйдө болот, дем алыш да, - деди.

- Көрөбүз, - деп коюп Саяна кирип кетти.

Эмил кубанычтуу үйүнө келди. Анын келгенин көргөн Акынай Өмүрбекке айтып жатты:

- Бу Эмилди быйыл үйлөнтпөсөң болбойт, деле токтобой калды, тиги өзүбүздүн эле Сагындыктын кызын көрдүм, татынакай болуп чоңоюптур, чачынын узунун айт, окууга алып келишиптир.

- Качан көрдүң?

- Кечээ, тааныш издеп жүргөн го?

- Ошондой де, анын кызы биздин Эмилге жакса эле алып беребиз. Сагындык экөөбүз ансыз деле куда болобуз деп калчу элек, кийин катышпай калбадыкпы?

- Анда ошого сүйлөш. Кызын мен көрдүм татынакай кыз экен, жакпай эмне…

- Эмилге бир ооз айталы, тиги кызы экөө макулдашып алса кыйын болуп калат го, аны да ойлошубуз керек, Акынай.

- Ырас эле… - деп Акынай унчукпай калды.

Эмил атасы менен учураша жанына отура кетти. Эч нерсе деген жок, ал бул жолу алардын өзүнөн сөз күтүп калды. Өмүрбек унчукпай көпкө отурду, ал бүгүн ойлонуп жаткан, себеби Чачыкейди көрүп калды, өзүнө тааныш бир адам менен сүйлөшүп турганын: "Балким ал эместир, окшош экен. Балдарынан алыстап ага да кыйын болду, ойлонбой коймок беле, булар деле ойлошпойт, кокус катташып алса кой демек белем, өңү азгын, же башка болду бекен?" деп көз алдына тартылып жатканда Эдил келип Акынайга бурулду:

- Апа, эски альбом кайда?

- Эмне кыласың, балам? - деп Акынай кайра өзүнөн сурады.

- Жөн эле, - деп Эдил айткысы келбеди.

- Азыр, аны сандыктын түбүнө бекитип койгонмун.

- Уулум, иштериң кандай? - деп Өмүрбек өзүнө учурашпай эле альбомду сураган Эдилге карады.

- Жакшы эле, - деп жооп берип, Эдил келип Эмилдин катарына отуруп калды да, ары жакка кеткен Акынайды узата карап ойлуу, - Ата, апамдын сүрөттөрү бар беле? - деди.

- Аны эмне кыласың? - деп Өмүрбек солк этип алды: "Бул дагы көргөн окшойт, тааный албай калган окшойт, жети жаш эмес беле, мейли апасына катышып алсын, тапса" деген ойдо унчукпай калды.

- Ата, апам жөнүндө биз сурабадык, сиз айтпадыңыз, ал эмнеге кетип калды эле?

- Билбейм уулум, балким ал дагы өз сүйүүсүн тапкандыр, кыскасы мени менен жашап жүрүп эле кетип калган, - деп Өмүрбек Акынайдын келаткан дабышын угуп унчукпай калды.

- Мына, сүрөттөр саргайып эскирип кетиптир, ушуну сурадыңбы, балам?

- Ооба, - деп Эдил альбомду алып өздөрүнүн бөлмөсүнө чыгып кетти.

Шашып-бушуп ачып жатып апасын көрдү: "Дал ошол менин апам тура. Эмнеге таштап кетип калды? Жанындагы кызы болсо керек, эгиз балалуу болуптур, демек алар менин инилерим да, таптым апамды! Кантсе да апам эмеспи, жардам беришим керек" деп альбомду ойлуу карап отура берди. Аңгыча аялы келип балдары менен өздөрүнчө кыжы-кужу болуп калышты. Эдил абдан баласаак, аялын андан да жакшы көрөт.

Өмүрбек балдарын ойлоп, өз турмушунун ойдогудай өтүп жатканына ичтен шүгүрлүк кылып, унчукпай отуруп калган Эмилге карады:

- Кандай студент, эмдиги жылы буюрса дипломуңду аласың, ишти кандай баштасам деген оюң бар? - деп Эмилдин күткөн суроосунан баштабай башка суроо бергенине таңгалган менен жооп берүүгө туура келди:

- Буюрса бүтөм, андан аркысы да сиз айткандай болот, ата.

- Кызыңды качан алып келесиң?

- Эртең сөзсүз келет, - деп Эмил кубана жооп берди.

- Мм, макул балам, асти кыз өзүңө жакса болду, ата-энени, улуу-кичүүнү сыйлаган келин болсо, башканын кереги не… - деп Өмүрбек ойлуу айтты да алдына келген оокатка карады.

Үйбүлөнүн кем карчын, барды-келдисинин баарын өзү чечет, жакында атасы сексенге чыкмак, дүңгүрөтө той берип, ата-энесин кубантмак болуп жаткан: "Алардын да сапары карып баратат, көңүлдөрүн көтөрүп коеюн, эртедир-кечтир арабыздан кетээрине аз калды, өлүмгө бөгөт коюга болбойт, баарыбыз кези келсе баруучу дүйнө экен, ата-энемдин арты менен адам болдум" деп ойлонуп жатты.

Тойчу Адинага жолуккандан бери негедир ойлуу тартып кетти. Өзүнүн тагдырынан улам балдарына боору ооруйт: "Мени ата-энем өлүп калып аргасыз таштаптыр, тирүү туруп кантип үч баламды таштайм? Адиначы, аны да кыя албайм го, негедир ансыз өзүмдү элестете албай калдым. Эмне кылышым керек? Ай курган жашоо ай" деп улам көз алдына Адинанын элеси келип алдастай берди. Анын бул жүрүшүн Нурмира башкача жооруп: "Атасына эмне кылышты билбей жаткан го, кандай кылсак, кокус карыз алып кийин берсекчи, ошондо эле Тойчунун көөнү тынабы?" деп сары санаа болчу.

Бирок анын оюндагыдай болбой, күтүлбөгөн жерден ал өзүн жоготуп кое жаздады. Ошол күнү Тойчуга жолугууга кабинетине кирмек болду эле секретар кыз негедир андан чоочуй шашкалактап:

- Эже, агай азыр жок эле, кайдадыр кеткен… - деди.

- Кайда бараарын… - деп келатканда Нурмира токтой калып кабинеттин эшигине жакындады.

Ичтен үн чыгып жатты, аял эркектин үнү, өзү жаман абалда калды, артка кайтып кеткиси, бир жамандыкты өз көзү менен көргүсү келбей кетип калгысы келди, бирок бир күч аны алдыга жетелегендей эшиктин туткасын кармап тартканын сезбей да калды. Каалга тартылганда ичтен: "Ким?" деген үн угулду, илинүү эшикти унчукпай дагы тартты. Бир кезде эшик ачылып маңдайында турган күйөөсүн көрдү.

- Сен ичинде белең, жок деди эле го? - деди кызганыч бийлеп алган Нурмира үнү дирилдей.

- Аа-а мен… мен… - Тойчу артка кетенчиктей берди.

Кирип келген Нурмира отургучта отурган кызды көрдү.

- Эмне эшикти илип алгансың? - деп ал артына кайрылып Тойчудан сурады, - Жашыруун ишиңер бар беле?.

Бейтааныш кызды карап койду: "Демек иштерин бүтүрүп алган экен, кудай сактап жаман ишин көргөн жокмун, эмне шылтоо айтса да ишенүүгө тура келет, эркек эмеспи, урушпай эле коеюн" деген ойго келип, - Кой анда мен кетейин, ишиң бүткөндө бараарсың, - деп селдейип сүйлөөгө кудурети жетпей катып турган Тойчуну карады.

- Ооба-ооба, барып калам! - деп Тойчу шашып калды.

Тиги кыз ордунан тура:

- Агай, менин жумушум бүттү, бара берсем болобу? Сиздер жай сүйлөшүңүздөр, - деп тык-тык эттире басып чыгып кетти.

- Сулуу кыз экен, - деп Нурмира тигини узата карап туруп Тойчуга үн катты.

- Бизнеси бар экен, ошону өнүктүрүүгө план түзмөк болуп келиптир… - деп Тойчу чекесиндеги чыбырчыктаган терин сүртө күңкүлдөп койду.

- Анан эшикти бекитип алып сүйлөштүңөрбү? - деп Нурмира ага жылмая карады.

- Эшик катуу жабылып калганын байкабай калыпмын…

- Антип жинди немеге айтсаң болот эле, Тойчу. Мен сени урушпайм, жаман айтпайм, "эсиң барда этегиңди жап" деген сөз бар, өзүңдү эр ойлосоң да башканы шер ойло, акылыңа кел да токтот. Жок, "көргөнүң жакшы болду, кетем" десең жолуң ачык! - деп Нурмира ушуну айтты да чыгып кетти.

- Нурмира, Нурмира! - деп Тойчу анын артынан кошо басып кала берди, - Иттики! - деп сөгүнүп алды.

Ары-бери басып, эмне кылаар айласын таппай жатты. Үйгө кантип бараарын билбей кыжаалат болуп, кабинеттен чыгып, сырттан машинасына отурду, көпкө ордунан жылбай туруп анан: "Атама айтып койсо иш бүттү, эртерээк үйгө барбасам болбойт. Нурмира жакшы аял, түшүнөт, эстүү аялга жолукканыма шүгүр, башка болсо жаңжалды салып, балдарды жетелеп жолго түшмөк" деп кетип жатты. Ал келип эле ашканага кирди. Улуу баласы Дастан менен кичүүсү Илгизди көрдү. Чыңгыз көрүнбөдү.

- Апаң кайда?

- Апам дүкөнгө кеткен.

- Аа-а, Чыңгыз кайда жүрөт?

- Ойноп жүрөт.

- Ии-ии, - деп койду да кийимдерин алмаштырмакка ички бөлмөгө кирди.

Үй кийимин кийип алып ваннасына кирди. Жуунуп чыкса Нурмира келип калыптыр, үн дебеди, экөө тең унчукпай балдары менен кужулдаша өздөрүнчө санаага батып отурду. Нурмира балдарын жаткырып анан:

- Чыңгыз жок, кайда кетти десең? - деди Тойчуну карабай.

- Ойноп жүргөндүр…

- Ушул убакка чейин ойнойбу, сабагын окубай жалкоо да болуп алды.

- Сабагынан жакшы эле го, эми өтө кыйнаганда болбойт, нары жагында болсо өзү эле адам болот, - деп Тойчу уруш-талаш болбогонуна ичинен кымыңдап жатты.

Аңгыча Чынгыз келип калды. Бети-колу ботала болуп, эдиреңдеп кирген уулуна Нурмира ачуулана карады:

- Кайда жүрөсүң ыя, оюндун да убактысы болот, ушунча болду, түнөп калбайт белең?

- Балдар деле жүрбөйбү, мен эмне жалгыз бекем? - деп Чыңгыз дулдуйуп туруп калды.

- Мындан кийин кечикпей келип жүр, - деп Нурмира ага тамак куюп берип жатып айтты эле:

- Ооба, - деп бурк этип, Чыңгыз тамагын ичип кирди.

- Дастан айтканда эле келбейт белең? - деп Тойчу уулун карады, - Илгиз да сени менен беле?

- Дастан акем мектепке кеткен, Илгиз менин жанымда болчу, мен жиберип ийгем.

- Болуптур, бүгүндөн кийин эрте келип сабагыңды даярдап жүр, бүгүн даярдабай калдың, эртең эмне деп жооп бересиң?

- Сабагым даяр, мектептен эле бүтүрүп койгом!

- Оо азамат, анда сен укмушсуң го балам, чейрегиң жакшы чыгып жатабы? - деп Тойчу кызыга сурады.

- Жалаң беш, химиядан гана төрт.

- Анда жакшы, кийин өздөштүрүп кетесиң, көңүлүңдү оюнга бурбай сабакка буруп жүр, макулбу?

- Ооба.

- Кой анда, жаталы.

Тойчу ордунан тура спальныйга карай басты. Нурмира эчтеке дебеди. Ал күнү ашыкча сөз болбогонуна ичтен ыраазы болгон Тойчу эртеси жумушунда отуруп да ойлонуп жатты: "Кой, өз кадыр-баркымды сактайын, күнүмдүк өтүп кетчү нерсе үчүн үйбүлөмдү ыдыратып албайын, өзүм томолой жетим болсом, көпкөндү ким коюптур. Атам болбосо эмдигиче кайда, эмне күндү көрмөкмүн" деген чечимге келди. Ошол убакта эшик тык-тык этти да эшик ачылып Адина кирди:

- Саламатсызбы?

- Саламат, кел Адина.

- Кечээ үйүңүздө скандал болгон жокпу? - деп ал түз эле жанына келип мойнуна асылды, - Аялыңыз сулуу экен.

- Адина, азыр мага кишилер келмек эле, сен бар, иш боюнча сүйлөшүүм бар, - деп Тойчу анын колун өзүнүн мойнунан акырын түртүп койду.

- Ма-акул, - деп Адина таарынган өңдүү бери боло берди да, - Качан бошойсуз? - деди каштарын кере.

- Жакында бошобойм, эртең Алматыга кетип жатам, - деп Тойчу кагаздарын кармалап жатып жооп берди.

- Демек, жолуккуңуз келбегени го?

- Балким ошондойдур. Адина, сен мени түшүн, жумуштар кычап жатат, жан жай албай жүгүрүш керек, фирмага дагы бир өзгөртүү киргизмекпиз.

- Түшүндүм агай, бирок сиз муну менен кутула албай турган нерсе бар! - деп Адина кытмыр жылмая карап акырын сүйлөдү, - Менин боюмда бар!

- Койчу?!

- Эмнеге чо-очудуңуз, сизге калп айтып жатканым жок - деп ал Тойчунун маңдайына келип отуруп алды. - Мага үйлөнөсүз же сот алдында жооп бересиз!

- Эмне деп жатасың? - деп Тойчу ордунан тура калды. - Мени минтип коркута албайсың, азыр чыгып кет, сыйың менен кетип калбасаң күч менен чыгарып салам! - деп ордунан туруп ага жакын келди. - Сен мындай сөзүң менен башка бирөөнү коркут, уктуңбу?

- Ага-ай, менде баарын далилдей турган сөздөр бар! - деп Адина ага жылмая карап ордунан туруп тиктеше калды. - Аны өзүңүз дагы билесиз, эгер тынч жашайм десеңиз мага жүз миң сом берип, ошол далилди кайрып алсаңыз болот! - деди да босогого жеткенде кылчая карап колун көтөрүп койду. - Кош болуңуз, жообун телефондон күтөм!

Ал чыгып кетти, Тойчу делдейе туруп калды: "Бул эмне деп жатат? Кайсы далил, эмне деген далил, бул эмнени ойлоп пландаштырып койду?" деп ойлонуп башы ооруп чыкты. Санаага батып үйүнө келип "ооруп турам" деп жатып алды. Нурмира эч нерсе дебеди, ал турсун ысык чай, дары-берип карап жатты. Эртеси кабинетинде отурганда телефон чыр этти, ала койгон Тойчу тыңшап турду:

- Ай, ай, анчалык эмне кыйналдыңыз, көп ойлонбоңуз, денсоолугуңузга зыян. Кандай далил деп таң калбаңыз.

- Адина, айтчуңду айтпайсыңбы, талааны сүйлөбөй! - деп Тойчу жиндене сүйлөдү.

- Түштөн кийин кабинетиңизде болуңуз, далилимди жөнөтөм. Байкаңыз, түп нускасы катылуу! - деп трубканы коюп койду.

Тойчу эстегенге аракет кылган менен эстей албай жатты: "Балким жөн эле ошентип жаткандыр, үйлөнөм деп деле айткан эмесмин, эмнеге башты оорутуп жатат?" деп ойлуу түштөнүүгө да чыкпай отура берди. Саат экиден өткөндө эшикти кагып секретар кыз кирди.

- Буларды бирөө сизге берүүнү өтүнүп кетти.

- Ким?

- Билбейм, тааныбайт экенмин.

- Өзүнө кир дебейт белең? - деп секретар кызды жини келе карады. - Мен жокто таштаса бир жөн, албай койбойсуңбу?

- Кайдан билдим, кечирип коюңуз Тойчубек Өмүрбекович!

Секретар кыз чыгып кетти. Колдору калтыраган Тойчу конвертти ачкыча тердеп чыкты, ачып ичинен сүрөттөрдү сууруп алып оозун ачып калды. Ал өзүнүн Адина менен жаткан сүрөттөрүн көрүп таңгала креслосуна шалак эте отурду: "Муну ким тартып жүрөт, мейманканадан тарткан тура, демек бул мени атайын эле илинчекке иле албай жүргөн экен да" деп тынчы кетип жатты. Ал атасына машина мингизмек болуп жаткан акчасын ойлоду. Аны бергенде Нурмирага эмне деп жооп бермек? Ушинтип дел болуп отурганда телефон чыр этти. Дароо ала коюп:

- Акмак! - деди жиндене.

- Менби акмак? Сулуулугума кызыгып ишенип алган сиз акмаксыз! - деди ары жактагы үн.

- Эртең сүрөтчүңдү ээрчитип менин кабинетиме кел!

- Жо-ок шашпаңыз, сиз акчаны даярдаңыз, өзүм барам, - деп Адина шыңк этип күлүп койду.

- Даяр, сүрөтчүңдү көрсөт, ошондо гана сага ишенем, сураганыңды берем!

- Анда сиз жөнүндө макала кете беришин каалайт экенсиз да? - деп Адина кайра дароо трубканы коюп койду.

"Акча керек буга, демек акча үчүн сөзсүз убакытты созот, мейли көрө жатармын" деген ойдо Тойчу сүрөттөрдү конвертке салды да сейфке салып койду: "Сулуу катын бирде шоруңа, бирде багыңа" деген ырас тура , неге ишенип алдым? Кандай кылыш керек, экинчи тынчымды алба деп туруп, берип кутулсамбы? Анда атама машина алып бере албай калам" деп ойлоп, Тойчу бир таанышына чалмак болду. Телефондун кулагын бурап күтүп калды, көпкө чейин албай жатып анан:

- Ало, - деди аялдын үнү.

- Ало, Бейшен бар болду бекен?

- Азыр, - деген аял ары жакка үн салды, - Бейшен, сени бирөө сурап жатат.

Бир аздан кийин гана,

- Ало, угуп жатам, - деди Бейшен.

- Ало Бейшен, кандайсың, сага жолугайын дедим эле?

- Аа-а Тойчубексиңби, эмне, жумушуң барбы?

- Иш көп, бүгүн жолуга аласыңбы?

- Болуптур, каерден жолугалы?

- Пивнойдон.

- Куп болот, досум, - Бейшен трубканы койгону баратып кайра, - канчада? - деди.

- Саат төрттө.

- Сүйлөштүк!

Трубканы койгон Тойчу бир аз эс ала түштү: "Бейшен го таап берет, мен кечиктирип албасам болду. Жакшы жолдош болуп жүрүп, аласа-береседен улам жаман көрүнүп калбасам болду" деп жүрөксүй түштү. Бирок андан бөлөк жол жок экенин ойлогондо бел байлады.

Бейшен аны күтүп турган экен, кол алыша учурашып ал-жай сурашкандан кийин пивнойго киришти да шашлык менен пиво дайындап коюп сүйлөшүп отурушту.

- Сүйлө, - деди Бейшен Тойчуну карай, - Зарыл болбосоң чакырчу эмес элең?

- Ээ дос, ушундай болуп калды, мага акча керек.

- Канча?

- Жүз миң сом.

- Жү-үз ми-иң?

- Ооба, антпесең уят болчудай, эң улуусу менмин, атамдын элүү жылдыгына машина тартуу кылмакмын, акча жетпей жатат. Арзыбаган нерсе берүүдөн тартынып жатам, - деди Тойчу аны карап.

- Качан бересиң?

- Эки ай күтсөң таап берем.

- Ма-акул, таап берейин, бирок кечиктирбейсиң, сүйлөштүкпү?

- Рахмат мен сага ишенгенмин, ошондуктан атайын сага жолугууну ойлогом.

- Тойчу, менде бир ой бар, атаңа машинадан көрө асыл тукум күлүк аттар бар, ошондон алып алдына туура тартып койсоң сонун болбойбу?

- Ат мингизсем болобу?

- Ой сен бала эле бойдон турбайсыңбы, "ат кыргыздын канаты" дешет, анан дагы сен асыл тукум тандалган ат тартууласаң атаң кандай гана ыраазы болоор экен! Аттын жасалгасын, ээр токуму менен камчысын бүт ал. Ошондо эң сонун, баасы жеткис тартуу болот, - деди Бейшен чын дилинен.

Тойчу аны бир саамга ойлуу тиктеп туруп, анан тура калып ага колун сунуп кубанычтуу:

- Ырас айтасың! Эй, анда мен ошентейин, эң сонун болду, куда-кудагыйынын, досторунун алдында күлүк, асыл тукум атты кооздоп алдына тартып койсом кандай сонун! - деди да кайра отуруп пивосун ичти.

- Мына, маселең дагы чечилди, бирөөгө кеңешип кылган иш жакшы эмеспи, мындан башка зарыл ишиң жокпу кеңеше турган? - деп Бейшен аны сырдуу тиктеп калды.

- Жок, - деди Тойчу чечкиндүү, - Башка эч кандай зарыл жумушум жок, эми сенин кең пейилиңе да рахмат, өзүмдүкү жетет! - деп Тойчу ага жылмайып карап койду, - Турдукпу?

- Турса турдук, өзүң ыраазы болсоң болду, сураганыңды жок дебедим, кеттик анда, - деп Бейшен кыңырыла ордунан туруп экөө эшикке чыкты. - Мейли дос, керек болсо сураарсың, мен сенден аянбайм.

Экөө эки жакка жөнөдү.

Бейшен менен Тойчу студент кезден тааныш, жатаканада бирге турчу. "Бирөөнү көрө албаган жагы бар, ичи тар" дешип Бейшенди жаман көрүшчү. Тойчуга андай мамиле жасаган эмес, ошондуктан Тойчу ага ишенет.

Эртеси кабинетине келип алып телефондун чыр этишин күтүп тынчы кетип кыжаалат болуп жатты, бирок өчөшкөнсүп чыр этпей тымпыят. Ого бетер тынчсызданып ары-бери басып жатып Адина экөө кирип жүрчү пивоканага бармак болду. Оюнда аерден Адинага жолугам деп турду. Машинасын пивной барды көздөй жаңы эле бурган. Пивнойдон Бейшен чыгып анын артынан Адина чыкты да ары көздөй басышты. Тойчу машинаны тык токтотту. Бейшен менен Адина ээрчише машинага түштү да жолго чыгышты, Тойчу анын артынан акмалап баратып, тигилер тааныш мейманканага кирип кетишкенин көрдү. Тойчу таңгалып машинаны стоянкага токтотту да мейманканага абайлай кирсе алар көрүнбөдү. Администратор аялга эңкейе калып бир азга сүйлөштү да чыгып кетти: "Демек иш жайында, эми менден жүз миң эмес өзүнөн эки жүз миң чыгат" деп компое кабинетине келип отуруп санаасы таркай көпкө отуруп анан үйүнө кайтты. Ал күнү көңүлү жайына келип үйбүлөсү менен чер жазыла сүйлөшүп, Нурмирага өз оюн айтты эле ал ага макул болду.

- Атамды ыраазы кыла алсак болду, анда эки күн калганда баарын даярдап коелу, эмки жумада чакырыла турган конокторго билеттер жөнөтүлөт экен.

- Сен аны кайдан уктуң?

- Барып келдим, даярданып жатышыптыр, "эки күн мурун келгиле" деди.

- Жакшы болуптур, керектүүлөрүн даярдап коюп анан жардам берели.

- Ооба, "тез-тез каттабай калдыңар" дейт.

- Кол бошобойт дебейсиңби?

- Айттым, "балдарды жөнөтүп тургула, балдар бири-биринен алыстап калат, балдар чогуу өссүн" деп атам өзү айтып калды, - деп Нурмира күйөөсүнө күлө карады. - Атам бир башкача адам, эми сенин балдарың үчүн кабатыр болуп жатат.

- Ошол үчүн айтып жүрбөйүнбү, менин пешенеме ушу киши болбогондо ким болоорумду кудай өзү билсин, - деп Тойчу ойлуу балдарын карады. - Чоң атаңардын үйүнө өзүңөр барып-келип турсаңар боло, таарынып жатат бизге.

- Макул, - деп Дастан күңк этти. - Чоң атам биз барганда дайыма жок болот го?

- Эми жумушунда болот да, силер барып компьютер ойноп жатып кала бергиле. Керек болсо эки-үч күн жүрүп Аделя, Кайраттар менен ойноп келгиле да.

- Макул, - деп койду Дастан акырын.

Кеч кирип жатаар мезгил келди. Тойчу ордуна жатып аялынын жанына жатышын күтүп ойлонуп жатты: "Көрсө бул Бейшендин ойлоп тапканы экен да. Сени мышык кылбасам элеби, сен берген акчадан көбүрөөк берсем да өз абийиримди сактап калууга аракет кылам, менден акча өндүргүлөрү бар" деп оюнда Адинаны жек көрүп турду: "Сулуулугу, жаштыгы менен арбап анан эптеп акча таап көнгөн экен, уятсыз десе. Мени колго түшүрдүм деп күлүп жатасыңар го, эртең кандай абалда калаар экенсиңер" деп ойлонуп жатып уктап кетти. Чоочуп ойгонсо таң атып калыптыр, Нурмира капарсыз уктап жатат. Аны бетинен өөп койду да жуунуп келүүгө чыкты. Анан ашканага кирип демейкиден тышкары тамакты отко өзү койду, чай койду, анан күтүп отуруп калды: "Бүгүн эмне болоор экен, телефон чалаар, сөзсүз чалат" деп ойлонуп шам-шум этип алып үйдөн чыгып кетти.

Жумушка келип мейманканага телефон чалды эле, администратор аялдын үнү угулду.

- Жигит, баары даяр, эки сааттан кийин кабинетиңизде болот.

- Рахмат, бул жөнүндө эч жан билбегидей болсун, эже?

- Кадырыңыз жан болсун.

- Анда болуптур, кош болуңуз.

- Кош иничек, - деп администратор трубканы коюп койду.

Аңгыча эшик тыкылдап, секретар кыз кирип:

- Сизге жолугам деп бир киши келди, - деди.

- Кире берсин, - деп Тойчу карабай туруп жооп берди.

Сырттан кирген Эдил болчу.

- Оо кел, кел отур! - деп Тойчу ордунан тура калып, кол берип, экөө кучакташа учурашышты да, Эдил креслого отура кетти.

- Дайыныңыз билинбейт, - деп Эдил күлүп койду, - Калыкбековичтин жакшы көргөн баласы! - деди эле экөө тең каткырып калды.

- Кол бошобойт, бирок барып эле жатабыз го?

- Көп кечикпей барып тургула, силерди көрбөсө ыраазы болбойт атам.

- Барбай анан.

- Тойчу аке, менин биерге келген жөнүм такыр башка: сен билесиң да апамды, той ес Чачыкей апамды, мага караганда бир жаш болсо да чоңураак эмес белең, жакшы тааный аласыңбы дейм да?

- Эмне болду?

- Эки-үч күн мурун мен аны прокурорго арыз көтөрүп келгенин көрдүм, мени тааныдыбы же окшоштурдубу, көпкө карап калды. Мен деле таанып-тааныбай туруп калдым, - деп Эдил чөнтөгүнөн сүрөттү алып чыкты. - Мына бул апам, ал эми улгайыптыр, агала чач.. - деп жер карай ойлуу отуруп калды. - Эгер көрсөңүз тааныйт белеңиз?

- Эмнеге тааныбайм, таанымакмын, - деп Тойчу ушул кезде өзүн кекете карап: "Өлүгүңдү көрөйүн шүмшүк, ушуну кайдан да бага койдум, томолой жетим жетилип алгыча кол карайт, андан кийин куйругун түйүп жоголот да" деген үнү кулагына угулуп ойлуу туруп калды, - Кайда турат экен?

- Билбедим, жанында чоңойгон кызы бар экен, эгиз балдары баңгизат менен кармалыптыр…

- Чатак болгон тура, балким апам эместир. Арызын карап көрбөйт белең, аты, жөнү жазылгандыр?

- Ошол оюма келбептир. Туура айтасың, мен кеттим, азыр эле барып тапшырам да карап көрүп сага телефон чалам, эгер ал болсо издеп табышыбыз керек? - деп Эдил шашкан бойдон чыгып кетти.

Ошол убакта телефон чыр этти.

- Ало, - деди Тойчу. - Бул ким экен?

- Тааныбай калдыңызбы, бул мен, Адина. Качан барсам болот, сизге жолуксам болобу?

- Түштөн кийин сүрөтчүңдү ала кел, мен толук алышым керек!

- Сүрөтчү жок, баарын өзүм тарткамын, бурмалабай ачык айтыңыз!

- Жо-ок, мага сүрөтчүнү алып келбесең кабыл албайм, - деп жатканда эшик тыкылдап чоочун адам кирди. - Азыр, кайра чалчы! - деп трубканы койду да. - Келиңиз, - деп бейтааныш адамга карады.

- Сизге муну берип кой деди эле…

- Отуруңуз, - деп Тойчу конвертти ачып сүрөттөрдү көрүп, анан жылмайып алды да сейфтен бир топ акча алып ага берип жөнөттү. - Менин атымдан ыраазылык билдирип коюңуз!

- Жакшы болот, - деген чоочун адам чыгып кетти.

Сүрөттөрдү бирден карап көрүп таңгалып отурду: "Дүйнөдө кызык окуялар көп болот тура, эми менден акча сурамак тургай өз айлаңарды таппай каласыңар" деген ойдо ал жанагы сүрөттөрдүн көчүрмөлөрүн Бейшенге жөнөтмөк болду. Аны да дароо посылка кылып жөнөтүп коюп компое үйүнө келди. Түштөнүп алып кайра офисине келип отура электе телефон чыр этти.

- Ало, ким экен?

- Тойчу, бул жөн гана тамаша болчу, сенин эмне кылганың? - деди Бейшен телефондон.

- Мен сени тамашаласам болбойбу, дос? - деп Тойчу каткырып алды. - Оюнду орду менен ойногон жакшы, мен муну сенден күткөн жок элем.

- Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын, үйбүлө, бала-чака билбесин дегендей…

- Кадырың жан болсун, сен тынч, мен да тынч!

- Сүйлөштүк, сен менден ашып түштүң, бир жолугалы…

- Жо-ок, азыр менде убакыт жок, дос. Кош, жакшы тур, көрүшкөнчө! - деп трубканы коюп койду. Сүрөттөрдү конвертке салып сейфти ачып мурунку конверт экөөнү төрүнө түртүп коюп койду: "Демек иш бүттү, Адина эми телефон чалбайт" деп ойлонуп калганда телефон кайрадан чыр этти. Шашып ала койсо Эдил экен.

- Угуп жатам, Эдил, сенсиңби?

- Ооба менмин. Таптым, Тойчу ал менин, биздин апабыз Чачыкей экен, бул жерде анын дареги да жүрөт.

- Кайсыл жердесиң, мен бара калайын?

- Правда менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинен күтөм.

- Болду, барып калам, - деп Тойчу шашыла кабинетинен чыгып машинага отурду.

Эдил Тойчу менен катар өскөнгө аке дечү эмес, атынан айтчу, Нурмираны жеңе дейт. Экөө жолугушуп көрсөтүлгөн даректи издеп бат эле тапты, бирок үйдө эч ким жок экен. Бек болгондуктан бир аз күтүп, эч ким көрүнбөгөн соң кетип калышты. Чачыкей айылдагы үйүн көчүрүп келмек болуп кеткен. Саяна эжесинин үйүндө.

Ал жолугушчу жерге келсе Эмил гүл алып күтүп турган экен.

- Салам, чоң кыз! - деп Эмил күлүп келип кыздын колуна гүлдү карматты, - Кана кеттикпи?

- Уялып жатам, барбай эле койсокпу?

- Жо-ок, качантан бери калпычы болуп жатам, бүгүн сөзсүз барасың Саяна! Ата-энем сени көргөнгө абдан ашык!

- Кызык экен? - Саяна ойлуу жер карап калды, - Эмнеге анчалык…

- Себеби болочок келинин көргүлөрү келет да? - деп Эмил аны компое карады, - Айттым го Саяна, мен сага үйлөнөм деп.

- Мен азыр күйөөгө тийбейм, эч кандай шарт жок, инилерим жаш.

- Мейли тийбесең мейли, жөн эле жолугуп койчу, кудай жалгагыр?!

- Макул, кана кеттик, - деп Саяна Эмилди жылмая караганда ал кубанганынан алаканын чаап алды да кызды колдон алды.

- Кеттик!

Экөө жетелеше кетип жатты.

Алар киргенде Өмүрбек үстүңкү кабатта эле. Акынай ал экөөнү тосуп алып дасторкон үстүнө алып келди. Негедир Акынай кызды улам карай калып кимдир бирөөгө окшотуп жатты. Эч нерсе дей албады. Өмүрбек келип отурганда кыз сыпайы учурашып койду. Саяна жер карап тартынып отурганда Өмүрбек ага суроо берип калды. Эмил ары жакка кетип калган.

- Кызым, окуйсуңбу?

- Ооба, медучилищада окуйм.

- Жакшы экен, канча бир туугансыңар?

- Үчөөбүз, эгиз инилерим бар.

- Жакшы-ы, кайсыл жерден?

- Таластан, - дегиче эле Эмил шашып жетип келди.

- Саяна кеттик, үстүңкү кабатка! Ата, анан сүйлөшөсүңөр, - деп Саянаны колдон ала жетелей үстүңкү кабатка алып кетип жатканда сырттан Тойчу менен Эдил кирди.

Өмүрбек менен Акынай күлүп калышты. Алар келип Чачыкей жөнүндө сурамак болушкан эле. Экөө бири-бирин карап, сен башта дегендей болду да, Тойчу комдоно калып Өмүрбекти бир, Акынайди бир карап тамагын кыра сөз баштады:

- Ата, апа, менин силерден бир өтүнүчүм бар…

- Айт, айта бер, кандай өтүнүч? - деп Өмүрбек Тойчуну таңгалгандай карап, өз ичинен: "Бул өз туугандарын тапкан окшойт, Эдилди ээрчитип келип ошону айтканы жаткан го" деген бир башка ойду ойлоп жиберди.

- Ата, Чачыкей апамдын дарегин таптык. Эми-и, Эдил менен Эмил чоңойду, бизге катышууга каршы болбойсуздар го дейм?

- Эмне? - деп Өмүрбек башка сөз күтүп жатканда Тойчунун суроосу күтүлбөгөн суроо болуп дендирей түштү.

- Капырай, каттаба демек белек, тапсаңар жакшы болуптур, каякта экен азыр? - деп Акынай экөөнө карап сурап калды. - Энеси экени жалган беле?

- Ошондой де… - Өмүрбек көптөн кийин гана жылмайып алды. - Каршылык жок балдарым, таап катышып алгыла, үйгө деле алып келгиле! - деп күлө карап экөөнө тамашалап сүйлөй, - Эмилди да ээрчитип алгыла! - деди.

- Ата, сиз капа болбойсузбу? Кантсе да ал биздин төрөгөн энебиз эмеспи, сиздердин эмгегиңиздер биз үчүн төө көтөргүс, бирок энебиз биз үчүн керек экен… - деп Эдил жер карады.

- Эч кам санаба, уулум, өз эне деген өз эне. Силерди биз "караба, каттаба" десек адамдык абийирди унутуп койбойлубу? - деп Акынай чын дилден айтканда Эдил туруп барып Акынайды кучактап өөп, ыраазы болуп турду:

- Ыраазымын апа, сиздин эмгегиңиз, мээримиңиз бизди бириктирип жакшы тарбия бергенсиз.

- Мен энемин, уулум, эненин сырын билбейт дейсиңби. Ал байкуш да силерди ойлосо ичкени ирим болуп өз күнөөсүн кече албай жүргөндүр. Жаштык-мастыкта кимдер жаңылбаган, уулум, аны күнөөлөбөгүлө.

- Макул апа, ата, силерге ыраазыбыз, - деп Акынайдын берген тамагын ичип, көпкө сүйлөшүп отуруп, анан Тойчуну узатып өзү бөлмөсүнө чыкты.

Өмүрбек отурган жеринде ойлуу телмирип, өткөн күндөрүн көз алдынан чууртуп өткөрүп жатты, көзүн жумуп алган. Ошол кезде үстүдөн Эмил менен Саяна түшүп келди да отуруп калды. Өмүрбек аларды көңүл бура карап, ойлуу:

- Кана кызым, кай жерлик болосуңар? - деди.

- Таластан болом, - деп Саяна тартына жооп берди.

- Ата-энең барбы?

- Атам жок, апам, эки иним бар.

- Жакшы-ы, эмесе кандай чечтиңер?

- Ата… - деп Эмил шашкалактап жиберди. - Ата, Саяна окуусун бүтсүн…

- Ошого чейин күтөбүзбү? Эртерээк үйлөнүп алып анан окуй бересиңер. Ойлонгула, балдар, үч күн мөөнөт берем, эгер жообун бербесеңер башкача чечим болот!

- Эмнеге, ата? Саяна "окуумду бүтөйүн" деп болбой жатпайбы?

- Анда сени сүйбөсө керек? - деп Өмүрбек экөөнө жылмая карады.

Эмил менен Саяна бири-бирин карап калды, анан Саяна ордунан тура жөнөдү.

- Саяна, токтосоң, токтой турчу бир азга? - деп Эмил аны колунан кармай калды. - Бир аз отуруп чай ичип чык!

- Кызы-ым, - деп Акынай жанына келип аны ийинден ала сүйкүмдүү жылмая, - Кызым, мен сени келет деп абдан каманып жаткамын, менин жасаган тамагымдан ооз тийип кет садага. Атаң ошондой тамашакөй неме, көңүлүңө албай эле гой, - деп кызды столду көздөй алып келип отургузду.

Кыздын бала эле бойдон, назик, уяң, тартынчаак экенин сезди, бирок Акынайдын жүрөгүн өйүгөн бир ой кыжаалат кылып турду: "Кудай уруп Чачыкейдин кызы болуп калбаса болду, анда экөө энелеш болуп калат. Балакет баспагай эле, кыз энесине окшош болуп турат, бир жерден көргөндөй болуп турам, кудай сактаса экен" деп анан тамагын куюп келип алды-алдына койду. Ошол бойдон эч кимиси үндөгөн жок. Саянаны ээрчитип Эмил чыкты. Акынай ичинен сызган менен Өмүрбекке эчтеке айтпады. Эмил Саянаны ээрчитип чыгып узатып баратып:

- Саяна, атамдын сөзүнө капа болбо, алар мени эртерээк үйлөн деп шаштырып жатышат, - деди.

- Анда менин кандай тиешем бар, үйлөнө бериңиз да! - деп Саяна мисирээ жолун карап кетип жатып жооп берди.

- Кантип, мен аларга сага гана үйлөнөм деп койгом да…

- Мен азыр күйөөгө чыкпайм, анан да сизди сүйбөйм! - деп кыз тез-тез басып кетээрде Эмил анын алдын тосту.

- Койсоңчу Саяна, мен сенсиз жашай албайм! Мейли, канча күт десең да күтөм, өмүр бою күтүүгө даярмын!

- Жо-ок дедим, жок, менден башка сөз күтпөңүз! - деп Саяна басып кетти.

Бул жолу Эмилдин колун түртүп койду да жүгүрүп кетти. Эмил унчукпай кала берди. Көңүлү чөгүп үйүнө келди да бөлмөсүнө кирип жатып алды. Дал ошондо Эдил анын бөлмөсүнө кирди. Жанына отуруп алып ага минтти:

- Эмил, мен өзүбүздүн апабыздын жашаган үйүн таптым.

- Койчу? - деп Эмил ыргып турду. - Биздин апабыз ким эле, апабыз үйдө эле жүрбөйбү?

- Сен билбей деле калдың. Ооба, бизди апам өгөйлүк көрсөтпөй чоңойтту дечи, бирок сен да билишиң керек, биздин төрөгөн энебиз Чачыкей деген аял болчу, мен зорго эле элестебесем жакшы билбейм, - деп ойлуу аны карады. - Биз азыр бой жеттик, апамдын карып кеткенин көрүп, ичим ачышты, биз аны колго алышыбыз керек!

- Ал кайда экен?

- Ушул эле айланада, бир кызы, эгиз балдары бар экен, азыр үйүндө жок, бир жакка кеткен окшойт.

- Кызы-ык, бизге жакын турса кайсы көчөдө турат экен? - деп Эмил агасын таңыркай карады.

- Эки-үч күндөн кийин аларды үйгө алып келебиз, эч нерсе айтпай алып келип анан өзүбүздү таанытабыз.

Эмил унчукпай калды: "Саяна 'апам, эгиз инилерим бар' деди эле, кудай сактай көр, ал болбосо экен. Жашоодо жаңылып калбасам болду, эгер ал болсо Саяна менин карындашым болуп калат да" деп жаны жай албай, кыжаалат болуп отуруп калганда Эдил:

- Кыскасы өз энебизди таап, ага карабасак болбойт. Бир кезде таштаса таштагандыр, бирок биз энебиздин ак сүтү үчүн өмүр бою карыз экенибизди унутпашыбыз керек, өз парзыбызды аткарууга кез келди, - деп бөлмөдөн чыгып кетти.

Чачыкей айылда бир айдай жүрүп үйүн карап, кайра келди. Үйүнө келсе Саяна да, Үсөн дагы жок экен. Жалгызсырап Шурунун үйүндө жүргөн кызына жөнөдү. Чачыкей Үсөн менен Асандын табышмактуу жологушу жөнүндө чет жакасын уккан менен аныгын биле алган жок. Он үчтөгү эгиз балдардын тентектигин эл көрүп-билип, апасына күндө доочу келип жүргөндө алардын айылына он эки жыл түрмөдө отуруп чыккан Мусабек деген келип калды. Анын айылга келиши өзүнчө эле кызык болгон эле. Түрмөдө жүргөндө аялы күйөөгө тийип кетип жалгыз апасы кайгыдан өлгөн. үйү канча жылдан бери кароосуз калып, эшик терезеси сынып, дубалдары урап калган. Мусабек келип эле үйүнүн жанына келиштирип там сала баштады. Жай бүткүчө үйүн бүтүрүп койду да, өзү көрүнбөй калды. Эл аны кеп кылып бүтө алышпайт: "Бу Мусабек түрмөдө жатып аябай байып келген го" деп бири айтса: "Ой мунун байланышы аябай күчтүү тура, түрмөгө да болоор болбостон кеткен имиш, ошолор муну көтөрмөлөп жатышат да" деп бири айтып: "Нашаа менен шугулданат экен" деп бири апыртып дүңүлдөтүп жатышты. Анан эле үйү бүткөндөн кийин Мусабек дайынсыз болуп кеткен.

Чачыкей айылга келгенде коңшусу аны менен сүйлөшүп калды:

- Ай Чачыкей, балдарың табылдыбы, ыя?

- Ооба табылды…

- Ии-ий ырас болгон тура, байкуш сага эле жаман болду, баланын азабын энеге салбасын да-а!

- Эми айла жок экен да, кудайдын көзү түз экен, келип калышты.

- Айланайын десең, аман-эсен келип багың бар тура.

- Ооба, - Чачыкей аны менен сүйлөшкүсү келбей үйүнө кирип кетмек болгондо:

- Баса, сенин балдарыңды бу Мусабек эле алып кетти дешип жүрдү, ай, - деп Суусар ага жакындай шыбырай кетти.

- Мусабек деген ким эле? - деп Чачыкей аны элейе карап калды. - Ал менин балдарымды алып кетип эмне кылмак эле?

- Оо-ой, ал деген жанагы баңгилердин башчысы менен тааныш, ал тургай ошонун оң колу имиш!

- Оо шумдук! - деп Чачыкей андан ары анын сөзүн укпай үйүнө кирди: "Көрсө ошол билет экен да баламды. Жаш балдарды алып барып жолдон чыгарган экен да, анысы кайда болду экен?" деп эси эңгирей отуруп калды. Мусабек дегендин атын да укпаган экен, сураштырып көргүсү келди: "Асанымды биротоло үйгө жибербей жүргөнү ошол тура. Кандай кылып табам аны? Асаным эми биротоло крим дүйнөнүн кишиси болуп калса боор бербей башкача болуп калат го, анда өмүр бою жашырынып жашап өтөт экен го, жараткан ай" деп ыйлап сооронду. Анан тынчы кетип отуралбай үйүн бекитти да шаарга жөнөдү. Аялдамага чыгып турса аялдаманы көздөй зыңкыя кийинген, кара шляпаны башына баса кийип, колун чөнтөгүнө салган мурутчан адам келатты. Аны жал-жал караган Чачыкей таксинин жолун карап туруп калды. Бир кезде дагы бир киши келатып эле эки колун жая:

- Оо-о Мусаке, кандай, - деп жете келип учурашып калды.

- Жакшы-жакшы, Алыке, өзүңөр кандай?

- Кудая шүгүр, эптеп-септеп жүрөбүз, бу сен бул жерде көрүнбөйсүң да?

- Үйбүлө жок болсо жалгыз адамга жашоо көңүлсүз экен да, - деп Мусабек чыйт эте түкүрүп койду.

Чачыкей улам жал-жал карап, кеткени турган таксиге барбай Мусабекти тиктеп тура берди. Ээндетип анан баласын сурамак болуп жатты. Улам ары-бери басып турган Чачыкейди ал дагы көз кыйыгы менен карап коюп жатты. Кеч болуп буту какшай түшкөндө Чачыкей кете берсемби деп ойлоп, бирок баласын эстегенде бул кишиден бир жооп укмайын катып калса да кеткиси келбей бутун бири-бирине ургулап коюп тура берди. Бишкекке кетчү таксинин баары кетип, аялдама ээн калды, негедир тигил адам деле турат. Ээндеп калганда Чачыкей ага жакындай барып:

- Саламатсызбы? - деди.

- Саламатчылык, - деп Мусабек Чачыкейди имериле калып көңүл бура карады.

- Сиз Мусабек деген болосузбу?

- Ооба, сиз кимсиз?

- Мени билбейсиз го, - деп Чачыкей сөзүн эмнеден баштаарын билбей мукактана калды. - Мен сиз менен сүйлөшсөм дедим эле.

- Кулагым сизде.

- Бул жерден болбойт го?

- Анда кайдан? - деп Мусабек Чачыкейди таңгала карап, - Анда бул эле жерде менин үйүм бар…

- Жок-жок, көчөнүн ортосунда менин үйүм бар, сиз менин артымдан жүрүңүз.

Чачыкей андан жооп күтпөй эле жөнөй берди. Узун бойлуу, кара пальто, кара шляпачан киши таңгалгандай анын артынан келе берди. Бул кезде күүгүм кирип, адам өңү таанылбай калган. Үйүнө келип жарыкты күйгүзүп, плитаны токко сайды да, Чачыкей үшүп кеткен бутун чечип кактап кирди. Артынан келаткан Мусабек босогого келип токтоп калды эле:

- Кире бериңиз! - деди ары караган бойдон. - Мен сиз жөнүндө уккамын, жолуктура албай жүргөм. Жесир аял элем, эгиз уулдарымды сиз алып кетип эмне күндө калтырдыңыз? - деди Чачыкей.

Ал бери караганда көзүнүн жашы бетин жууп турган эле..

- Карындаш, сиз мени бирөө менен чаташтырып жатасыз го дейм?

- Сиз Мусабексизби?

- Ооба, анын эмнеси бар? Менин атым Мусабек, он эки жыл түрмөдө отуруп келгемин, ушуну да уктуңуз беле?!

- Баарын билем, баламды кайтарып бергиле! Асанымды өзүмө кайтарып бергиле, ал жетим, атасы жок! - деп Чачыкей чөгөөлөп отуруп алып суранып жатты, ыйлап да жатты…

Селдейген Мусабек тикесинен туруп алып өзүнүн үйбүлөсү, балдары жөнүндө ойлоп жатты, акыркы кездерде өзү дагы жалгыздыктан тажап бараткан эле. Бул аял өзүнүн баласы үчүн анын бут алдында буркурап, көз жаш төгүшү Мусабектин жүрөгүн эзди. Теңселип кетти, катуулугу ушунчалык темирдей адам заматта эненин көз жашынын, кең пейилдүү жүрөгүнүн, чексиз мээриминин алдында өзүн канаты сынган каркырадай сезди. Баш ийип турду бир топко: "Аттиң, мен түрмөгө түшкөндө да апам ушундай күндө калып азап чыккен экен ээ, эненин мээриминен таш жарылат деген чын тура" деп көпкө ойлонуп туруп, Чачыкейди карыдан ала өйдө кылды:

- Мынчалык муңканбаңызчы, жакшылап сүйлөшөлү, сөзүңүздү толук угайын, - деп Мусабек Чачыкейди жөлөп-таяп барып төшөккө отургузду. - Сизди мен тааныбайм…

- Ооба, сиз мени тааныбайсыз, он эки-он үчтөрдөгү эгиз балдарымды алып кеткенде не күндү көрбөдүм. Алар кайра келгенде кубанычтан жүрөгүм жарылып кете жаздап зорго аман калгамын. Сиздин дарегиңизди элден уктум, ал тургай алып кеткениңизди көрүшүптүр!

- Кыз-зык, - деп алды Мусабек. - Неге ошондо айтышпады?

- Эл дегенди билесиз го?

- Туура, эл кызык, көрүп туруп, билип туруп убагында айтпайт.. - деп Мусабек үңкүйө отуруп калды.

Ал ушул кезде гана өзүнүн адам экенин, бүгүн же эртең жарыктыктан өтөөрүн сезди, канчалаган күнөөлөрүн жуугусу, адамзаты экенин моюнуна алып баарынан кечип жөнөкөй гана пенде болгусу келди. Ушул маңдайында көзүнүн жашын көл кылып отурган назик аялдын каалаганын аткарып ооруган жүрөгүнүн дарысын таап, өмүр бою жүзүнө муңайуу жолотпой колунан келсе бактылуу кылгысы келип турду.

үнсүз гана эки адам…

Бири турмуштан баарын көрүп, бирөөлөрдү кол алдында тизе бүктүрүп, ачуусуна тийгенди жалп эттире чырак сымал өчүрүп, бирөөнүн алдында өзү бүгүлүп, жедеп жашоодон тажаган адам, бири тагдырына аргасыз баш ийип, болгон өмүрүн балдары үчүн арноого даяр турган аял, эне…

Экөө көпкө үнсүз отура беришти. Чачыкей: "Бекер кылдым окшойт, балким бул билбейт чыгаар, жөн эле ушакка ишенип айтып алдым го, чоочун эркекти үйүмө ээрчитип келип уят эле болдум" деп ойлонуп отурду. "Бул менин тагдырымдын бурулушу, көп тарткан азабымдын кайрымы, өмүрүмдүн тозокко айланган мүнөтөрүнүн акыры, өкүнүчүнүн шаңга бөлөнүп кубаныч менен алынышы" деп ойлогон Мусабек да бул үйдөн чыгып кете албай, же бейтааныш аялга тартылып турду.

- Кетиңиз, эми сизде сөзүм жок! - деди көптөн кийин Чачыкей, - Мен жаңылган окшойм, балдарымдын айынан эмне кылып жатканымды да билбей калчу болдум, кетип калыңыз!

- Жок дегенде аты-жөнүңүздү айтып коюңуз. Ырас, мен кетем, адам болгондон кийин таанышып, бири-бирибизди билип алуу жакшы эмеспи? - деп Мусабек ордунан козголбой туруп ушинткенде Чачыкей ага бурулуп карап алды: "Эмне, бул мага тийишкени турабы, алсыз жалгыз аялды өзүм билсем болот деп ойлоп жатабы?" деген ойду ойлонуп, көзүнөн-көзүн албай карап турган Чачыкей жалтанып кетти. Негедир көздөрү капкара болуп улгайганына карабай сүрдүү да, сүйкүмдүү да эле. Көзүн тартып алды да:

- Атым Чачыкей, - деди.

- Оо, мындай атты сейрек угам, Канчоронун Чачыкейиндей эле бар экенсиз.

- Жетишет, мен сизди мактап бер деген жерим жок! - деп Чачыкей үнүн бийик чыгара айтканда Мусабек туруп босогону көздөй басты:

- Аман болуңуз, дагы көрүшөбүз, сиз менин жүрөгүмө жактыңыз, кайрылып бир келемин, Чачыкей! - деди да чыгып кетти.

Бозоргон Чачыкей ордунда отурган бойдон тура берди: "Мен бул дүйнөнүн тозогуна жаралгамын го, деги күнөөм толтура. Кудайдан тилеп алган балдарымды таштап отуздан кыркка караганда баса бердим, мына он алты, он жети жылдан бери эрден жок, элден жок жапайы турмуш кечирип жатам. Неге мен өзүмдү-өзүм азапка салдым? Балдарым мени кечирбейт го эми, өгөй болсо да өздөй болуп өстүргөн энеси турат, мен акмакмын" деп эки далысы сүлкүлдөп ыйлап жатты. Ал азыр ушунун баары унутулуп, кош кубанычка балкып, бир кезде сүйүнүчтүн көз жашын төгөөрүн сезбей ээн талаа, эрме чөлдө, кумдуу белести жылаңаяк ашып, дүйнө кезип жүргөн календер сымал сезди өзүн. Түнү бою козголбой көз жашы соолуган булактай жылтырап, нез болгон немедей отура берди. Төшөккө бут сунуп жатпады, жансыз молодой түн терметип, көз алдына чиедей болгон Эдили менен Эмили тартылып, андан соң Асанын эстеп, таң атканын сезбей селдейе отура берди…

Мусабек көпкө ойлонду, көз алдынан жабыр тартып, көз жашын көлдөткөн аялдын элеси кетпей: "Мен акмак, эне кадырын билбеген мересмин, эненин кадырын, үйбүлө бактысын сезбеген тирүүнүн өлүгүмүн, ушул акыркы күндөрүмдө бир бечаранын көз жашын тыйып, жүзүнө күлкү тартуулайын, бул колумдан келет. Жыйган дүнүйөмдү балдарымды таап, аларга берип кечирим сурайын" деп өз үйүнө келип аркы-терки басып жүрдү.

Ошондон бир ай өткөндө түн катып Асан кирип келди. Аны баса калып ыйлап-сыктап жатканда артынан Мусабек көрүнгөндө Чачыкей селдейе карап, дени өлүп туруп калды: "Бул баламды алып келип көрсөтүп кайра алып кетет тура" деген ойдо жалдырап калышканда Асан:

- Апа, мени бул киши алып келди, эми эч жакка барбайм! - деди катып турган апасын силкилдете.

- Ыя, ошондойбу каралдым? Ырас эле менин көз жашымды эсине алдыбы, кудай боор оорудубу? - деп Чачыкей Мусабекти көздөй жетип, дагы чөгөлөй буркурап жатканда Саяна, Асан, Үсөн үчөө Чачыкейди өйдө кылып төргө алып барып отургузду.

- Апа, эсиңизге келиңизчи! - деп балдары тегеректеп калышты.

Мусабек кайра чыгып кетти. Ошол бойдон ал көрүнбөдү. Таң атпай Чачыкей түлөө өткөрмөк болуп жатканда Мусабек кайрадан пайда болду. Асан, Үсөн экөө тең аны сыйлап, тосуп алып, үйгө киргизишти. Чачыкей унчуга албады, ал азыр Асандын эки жыл бою кызмат кылган эмгегин алып келген, аны алар билди. Түлөөнүн эти желип, коңшу-колоңу тарагандан кийин Мусабек алып келгенин ортого коюп:

- Балдар, мени кечиргиле, бул иш колуңардан келсе оозуңардан чыкпасын, мен өмүрүмдү жашап койдум, өз күнөөмдү өзүм жуугум келди, - деп башын салып отурду.

- Аба, сизге рахмат, бизди жашоого гана үйрөттүңүз, болбосо биз алдынан ашын алып иче албаган мокок адам болуп калмакпыз. Ошондой эле убагында сууруп алдыңыз. Сиздин кадырыңыздын канчалык экенин биз билебиз, карапайым эл билбейт, - деди Асан токтоо сүйлөп..

Уулунун кадимкидей эс кирип токтолуп калганы энени кубантып турду. Мусабек Чачыкей макул десе калган өмүрүн чогуу өткөрмөк болуп ойлогон, бирок ал аны көңүл буруп карагысы келбеди. Өмүр бою өзүнүн жаңылыштыгы үчүн өзүн кечире албай жүргөндө ал кайдан аны ойломок. Ал жерде Мусабек үч-төрт күн жүрүп калды, ойун айтканга оңуту келбеди. Балдарынын маңдайында турганына сүйүнүп, Чачыкей айтууга сөз таппай, Саяна экөөнүн кубанычында чек жок. Көңүлү жайланып, инилери келип, апасынын кабагы ачылып калгандан кийин Саяна Эмилди ойлоп отурган.

Чачыкей балдарын карап сөз баштады:

- Балдарым, эми менин санаам тынды, силер аман-эсен жанымдасыңар, - Чачыкей ойлуу бир демге үчөөнү карап алып, - силер чоңойдуңар, эми мени уккула, силердин дагы эки агаңар бар! - деди.

- Эмне дейсиз? - деп Саяна озунуп сурап ийди.

- Эки агаңар бар дедим, кызым…

- Алар кайда калды эле?

- Атасынын колунда. Эмдигиче үйлөнүп, бала-чакалуу болуп калгандыр, менин эмдиги арманым ошол балдарымды бир көрүп, кучагыма кысып, моокумум канса анан арылат эле…

- Шаардабы же айылдабы алар? - деп Асан апасын карады.

- Кайдан билем, уулум? Шаардабы же айылдабы биле албайм, жалаң силер деп жүрүп алардын дайынын кантип билмек элем?

- Апа, жакында Үсөн экөөбүз бир иш баштайбыз, анан ишти жөнгө салып алсак, сиздин балдарыңызды издеп табабыз, - Асан апасын кучактап отуруп убада берди.

- Каралдыларым десе, силер аман болсоңор эле болду. Алар атасы менен, кайгы-капасы жок, мени билбей да калышкандыр… - деп Чачыкей көзүнүн жашын сыдырып алды, - Ооба, алар мени билбей калышкандыр, бири жети, бири беш жашта эле… - деди, бирок Тойчу жөнүндө ооз ачпады, - дагы бир айтаарым, атаңардын да силерден бөлөк балдары болгон, бирок мен алар жөнүндө эчтеке билбейм, Самат ал жөнүндө айткан эмес.

- Охо-о, бизде туугандар көп тура, ыя апа? - деп калды Үсөн.

- Буюрса бир тууганыңар бар, табышып алсаңар жакшы болот эле, жалгызсырабай өбөк-жөлөк болот да балдарым.

- Апа, эмнеге балдарыңызды таштап, күйөөгө тийдиңиз эле? Атасы бөлөк, энеси бөлөк дедирбей бир эле күйөөгө тийбейт белеңиз? - деп Саяна ыйлап ийди. - Неге бир күйөөгө тийбедиң?

- Кызым… - деген бойдон Чачыкей катып калды.

Саяна ыйлаган бойдон өз бөлмөсүнө кирип кетти. Эки уулу үнсүз отуруп калды: "Мейли, адеп укканга жээрип жатышат, балким мурда укканда минтпейт эле. Кудай ай, эрке өстүрүп койгондуку го, акыры көнбөй кайда бармак эле" деп Чачыкей ойлуу шалдайып отуруп калды.

Эшиктен Мусабек кирди, ал жоголуп кетип, кайра келип калчу болгон. Келгенде Асан, Үсөндү шылтоо кылып: "Балдарым кайда?" деп келип калат.

- Саламатсыңарбы? - деп кирип учурашып босогого туруп калган адамды Чачыкей уялганынан:

- Келиңиз, - деди.

- Келип калдым, менин балдарым кайда?

- Алар сыртта жүргөн эле…

- Аа-а, анда ошолорго барайын, - деп Мусабек кайра эле чыгып кетти.

Чачыкей өзүнчө жылмайып алды, адегенде жолуккан күнүн эстедиби: "Бул дагы мага окшоп, турмуштан жолу болбогон бечара экен, өзүн тыкан алып жүргөнүн кара. Мейли келсе келип кетээр, мен эмне демек элем" деген ойдо болду. Бир аздан кийин Саяна баарын унуткандай күлүп-жайнап чыга келип апасын кучактай эркелеп алды:

- Апа, кечирип койчу мени, катуу айтып алдым, - деп өпкүлөп апасынын таарынычын жазды.

- Кагылайын эркем аа-ай, сага эмнеге таарынмак элем, тагдырыма таарынам, бир жерден агарып көгөрө албаган. Ырас айтасың, атасы бөлөк дедиртип отурам, бирок аларды да мен төрөгөнмүн, болгондо да төрөбөй беш жыл күтүп анан балалуу болгомун, - деп Чачыкей кызынын чачынан сылап жүзүнөн өөп койду.

- Кечир апа, мен эч нерсеге түшүнбөйт окшойм, - деп Саяна апасынын ыраазылыгын алгандан кийин, - Апа, мен бир кыз менен жолукмак элем, барып келейинчи, - деди.

- Барсаң барып эрте кел кызым, биер айыл эмес, шаар экенин унутпа, тез кел!

- Эрте эле келем! - деп Саяна шашып чыгып кетти.

Ал Эмил экөө жолукчу жерге жөнөдү. Кубанычы койнуна батпай кетип жатты: "Бүгүн ал мага дагы бир жолу сүйүүсүн билдирсе мен дагы аны сүйөөрүмдү айтам" деп жүрөгү элеп-желеп болуп бара жатты. Жолукчу бактын түбүндө көпкө күтүп, анан таарынычы күч болуп үйүнө келди.

Эмил Саянанын энелеш карындашы экенин билгенден бери эч ким менен сүйлөшпөй да, эчтеке ичпей да, жатып алып ойлонуп жатты: "Неге башка эмес ошол кызга жолугуп калдым? Келип-келип өзүмдүн карындашым болуп калганын кара, жок дегенде сүйөм деп айтпай кое турсам эмне?" деп өкүнүп, эмне кылаар айласын таппай ойлоно берди.

- Эмил, деги сага эмне болгон, тамак ичпей же эшикке чыкпай жата бергениң эмнең, турчу бирдеме ичип ал, - деп Акынай кирип анын жанына отурду. - Тур балам, кызың капа кылдыбы?

- Жок, эчтекенин кереги жок! - деп Эмил ары карап кетти.

- Ботом, кимге мынчалык таарындың?

- Эч кимге!

- Уулум, ооруп каласың ачка жата берсең, бирдеме ичип алчы деги?

- Койчу апа, эчтеке ичпейм дедим го?

- Мейли, өзүң бил, - деп Акынай унчукпай туруп кетти, негедир анын шагы сына түштү: "Өзүмдүн балам эмес да, ушунча тарбияладым, кагып койду ээ" деп зыңгырай астыңкы кабатка түшүп келатса Өмүрбек кирип келе жатыптыр. Аны бир карап койду да үндөбөй ашканасына өтүп кетти. Өмүрбек бирдеме болгонун сезди. Чечинип келип столго отурушканда гана:

- Эмне болду, түрүң бузулуп турат? - деди эле Акынай ага аста үн чыгарып улутунуп алды:

- Өз баламдай эле көрүп отурам, дегеле бөтөгөсү бөлөктүгү билинбей койбойт экен…

- Ээ, балдардан капа болгонсуң го, Акынай. өз баладан деле угат, боло берет андай, балким оюнда арамы жок эле ороңдогондур, ушу аялдар жаман күмөнчүл келесиңер да?

- Шагыңды сындырып турса кантет элең, Өмүке?

- Ой кокуй оой, ушул жашка чейин канча жолу сынып, канча ирээт ийилип кайра түзөлбөдү дейсиң. Байбиче, капа болбо, үйлөнсө баары кетет. Индираны күйөөгө узатып кенжетайыбыз Эрмек менен калабыз, аз чыдап кой…

- Кечирип кой Өмүке, көтөрүмүм жок болуп баратат, болоор болбоско капаланып кетчү болдум, - деп Акынай ордунан тура өз ишине кирише баштады.

Ал Өмүрбектин жүйөөлүү сөзүнө уяла түшкөн: "Ырас эле менин акылым кыска белем, балдардын бир аз кыял-жоругун көтөрө албай мени кудай урдубу? Өмүрбектин токтоолугу, баарын ойлонуп чече билгени үчүн гана аял болуп калдым, болбосо ким билет" деп өз кылган ишине кейип жатты: "Болоор болбосту ага эмнеге айттым? Жүрөгүн ооруттум, ойлонтуп койдум байкушту, неге мындай чолок акылмын, жашым элүүгө келгиче акылыма келе албадым?" деп өзүн-өзү тилдеп кейий берди.

Аңгыча неберелери келип, чурулдаша столго отуруп чоң-ата, чоң-энесинин тумандаган ойлорун чачыратып жиберди. Назира келип Акынайды отургузуп, өзү жумушун жасоого киришти.

Бакылдашып күн кечирген бактылуу үйбүлөдө күндө дал ушундай маанай. Индира өзү көп сүйлөбөгөн кыз, эч ким менен иши да жок, үйгө кирди, эч чыкпай китеп окуп отура берет. Үйдө жалгыз кыз болгондуктан ага эч кимиси эч нерсе дебейт, ал жадагалса тамак жасаганды, үй ишин кылганды да билбейт. Эркелебейт, сабагын жакшы окуйт. Өмүрбек кызы үчүн абдан кабатырланат, же ачылып сүйлөбөгөн кызын абдан жакшы көрөт. Аны өзүнүн жакшы санаалаш жолдош баласы келин кылып кийинки жумада алып кетмек. Индира ага макул экенин же каршы экенин билгизген жок. Ата-эне таң калып өздөрүнчө бушайман. Акынай Назираны Индирага киргизди.

- Ботом сен жеңеси эмессиңби, бир ооз кирип сүйлөшчү, бул эмне деген жан экенин билбейм, - деп Акынай кейий кетти. - Макулбу, макул эмеспи, билчи!

- Болуптур апа, эрке кыз менен өзүм сүйлөшөм, - деп Назира кайненесин жубата өйдө көтөрүлдү.

Ал киргенде Индира бир бурулуп карап койду да кайра китебине үңүлдү.

- Индира, бу сен профессор болсоң да кичине бизге көңүл бөлүп, сүйлөшүп койсоң боло? - деди кирип келип эле Назира күлө бага. - Кызыкенин күйөөгө кетээрине аз калса да зымпыйып сыр бербегени эмнеси?

- Жеңе, эмне кылышым керек анан? - деп Индира карабай туруп сүйлөдү. - Мени күйөөгө биргенге мынча шаштыңар?

- Сен бойго жеттиң, илгерки кыздар он алтыга чыкканда күйөөгө чыкпаса кара далы деп кеп кылышчу, сен жыйырмадан ашып калбадыңбы?

- Эмне экен, - Индира таарынгандай Назираны карады. - Мен күйөөгө азыр чыкпайм, атамдарга ошентип айтып коюңуз.

- Опээй, ал эмнеси экен?! Алар аябай кадыр-барктуу кишилер экен, баласы чет элде окуйт имиш, атамды уят кылба да?

- Мен баласын бир көрбөй кантип тием? Менин жүрөгүм бар да, жөн эле сыртымдан тон быча беришпесинчи, - деп Индира тултуңдай ары карап кетти. - Айтыңыз, мен эч жакка кетпейм!

- Индира, атамдын көңүлүн оорутпа, кан басымы көтөрүлүп дарыланып зорго жүрөт, өзүн көрбөсөң сүрөтүн берген тура? - деп Назира кайын сиңдисин өзүнө каратып маңдайына отурду.

- Жансыз сүрөт эмнени билдирет, жеңе, же мени бир айбан деп ойлошобу?

- Кой садага, антип капалана бербе, бактыңды тиле, окумуштуу жигитке чыксаң, өзүң дагы окумуштуу болсоң, ал эми сенин кийинки жашооң. Азыр ата-энеңди да ойлон, сен үчүн эмнени гана жасабады? - деп Назира кыздын көзүнөн жаш төгүлүп кеткенин көрүп бооруна кысты. - Мен да жапжаш кезимде сенин агаңа келгемин, он жети жашымда. Мына жаман эмес, үч балалуу болдук.

- Жеңе! - деп Индира жеңесин кучактап алып соолуктап ыйлап жатты.

- Кой ыйлаба, эртең сенин кийимдериңди даярдап дайын кылышыбыз керек. Күйөө болчу жигит келип үйлөнүп эле кайра кетет экенсиңер, сен эми бул үйдө коноксуң, атамдардын жанында аз да болсо жаркылдап, кеткиче сүйлөшүп турсаң.

Индира:

- Макул жеңе, даярдана бергиле, атамдын кадыры үчүн макулмун! - дегенде Назира аны кучактап ыйлап ийди. Бир кезде өзүн да атасы ары айтып, берип айтып жатып көндүрө албай ала качып кеткенин эстеп: "Кыз байкуштардын көрөөр күнү ушул тура, тайраңдап ата-эненин төрүндө ойноп алганга да акысы жок" деп ойлонуп Индирага боору ооруп турду. Көптөн кийин Индира өз ичиндеги сырын айта баштады. - Жеңе, мен башканы сүйөм, чынында аны артыкча сүйгөм!

- Кой эми, бирөө угуп калат, - деген менен Тойчу экөөнүн ортосундагы ысык мамилени эстеп кетти. - Эчтеке эмес, андай балалык сүйүү боло берет, калат, унутулат…

- Мен Актанды жанымдан артык сүйөт элем, жеңе, бирок анын ата-энеси жок жетим бала, аны атамдар жактырбай коебу деп унчукпай калдым.

- Ал азыр кайда?

- Ушул эле жерде, жумушчу болуп иштейт.

- Кайдан таанышып жүрөсүң аны менен?

- Маршруткада бирге бардык, ал улам мени карап бараткан, анан мен түшкөн жерден ал дагы түшүп калды. Кетип жатсам жете келип, саат сурады. Жооп берип жөнөй бергенимде кайра атымды сурады, ошентип таанышып калдык.

- Жолугуп сүйлөшүп калдыңар беле?

- Анан эмне жеңе. Биз сонун күндөрдү өткөрдүк, ушул кезде ал зорго жүрөт, мен ага акемдер билсе өлтүрүп салат деп койгомун.

- Эчтеке эмес, анын баары унутулат. Андан көрө ата-энелүү, кадыр-барктуу жерге барсаң жакшы эмеспи. Сен акылың бар, билимдүү, ата-энелүү кызсың, алардын шагын сындырба!

Экөө көпкө чейин сүйлөшүп отуруп анан Назира кетти. Индира ойлонуп отуруп калды.

Назираны күтүп жатпай отурган Акынай келинин көрүп колун шилтеди.

- Эмне болду, сүйлөшө алдыңбы?

- Сүйлөштүм, апа, баары жайында.

- Ой азамат десе, сенин колуңдан келээрин билгемин да? - деп Акынай кубана келинин далыга таптай мактап жатты. - Садагаң болоюн десе, ырас болбодубу, атаң дагы сары санаа болуп жатат. Кубанып калсын, байкуш, - деп ары карай басты.

Назира өз бөлмөсүнө киргенде Эдил дагы сурап калды.

- Кайын сиңдиң менен тим эле узакка сүйлөштүң го?

- Сүйлөшсө эмне экен, ошону да көрө албайсыңар, сырдаштык отуруп алып.

- Оо кайран десе, тилиңде мөөрүң бар ээ, бат эле сүйлөшкөндү арбап аласың.

Эдил аялын кучактап, аймалап калганда уктай элек кызы:

- Кишини уктатасыңарбы? - деди козголо.

- Ко-окуй, кызым тынч уктасын, апасы, сүйлөбө, - деп күлүп көзүн ымдап коюп жатып калышты.

- Мен эртең менен окууга барам, а силер мени эрте уктатпай кайра эрте ойготосуңар, - деген кызы чуртуңдай төшөгүн чүмкөнүп алды.

Эдил менен Назира бүлкүлдөй күлүп, унчукпай да, кыймылдабай жатып калышты.

Эртеси жумушуна кеткен Эдил үйүнө шашылыш келип эле Эмилди сурады, ал дагы эле кайгырып жаткан. Анын бөлмөсүнө кирбей эле босогодон:

- Эмил, бол эрте, иш чыгып калды! - деди.

- Мен ооруп жатам, - деп Эмил козголгусу келбей койду эле Эдил жетип келип:

- Турбайсыңбы, апама жолугуп келели! - дегенде ыргып туруп, кийинип жөнөдү.

Тойчуга телефондон айткан, ал дароо эле келип калды. Адегенде үчөө барып, жолго эки машинаны токтотуп коюп, дарбазаны тыкылдатышты эле узун бойлуу арыкчырай жаш бала эшикти ачты:

- Сиздерге ким керек?

Үчөө бири-бирин карап туруп калды, Тойчу алдыга чыга келип:

- Иним, биз Чачыкей деген аялды издеп жүрдүк эле… - деди.

- Ким болосуздар? - деп кайра сурады улан.

Бул Үсөн эле, алар антип турганда ары жактан дал эле ошого окшош дагы бир улан бери басты. Үчөө сөз сүйлөөгө кудурети келбей экөөнү карап калганда дагы Тойчу сөзгө келди.

- Мүмкүн болсо кирсек болобу?

- Аа-а азыр… - Үсөн үйгө кирип кетти.

Асан аларды бир карап алып: "Эки баласы ушулар го, а бириси ким болду экен" деп ойлонуп тура берди. Үсөн үйгө кирип бирдемеге алаксып жүргөн апасына:

- Сизди бирөөлөр издеп келиптир, менимче жоготкон балдарыңыз го? - деди кебелбей.

- Ыя, эмне дейсиң балам? - Чачыкейдин колундагы буюм түшүп кетти. - Оо чунак балам эмне деп жатасың?

Энесинин калчылдап кеткенин көргөн Үсөн чоочуп кетип, Саянаны чакырды, ал өзүнүн бөлмөсүндө отурган. Экөө аны колтуктай чыгып баратканда, үчөө кирип келаткан эле. Чачыкей өзүн токтото үчөөнү саамга карап турду да:

- Кагылайындарым келдиңерби?! - деп бакырып эки колун алдыга сунду.

- Апа! - деди үчөө тең…

Бир аздан кийин чогуу отурушту. Саянанын өзүн жоготуп кое жаздаганычы. Эмилди көрүп эмне дээрин билбей кирип кетип чыкпай койду. Ал ыйлап жатты, жаш дүйнөсү үшүгөн жалбырактай бүрүшүп, жүрөгү алоологон өрттөн кийинки чычаладай күйүп-жанып, не кылаар айласын таппай боздогон үнү кайдадыр абага сиңген жаңырыктай өзүнө-өзү жат болуп ала-салган сезимдер адырдагы боз талаадай томсоруп турду: "Менин сүйүүм өчтү, жашоодо жан дүйнөм тарып азапка кабылдым, бул не дегениң жараткан, жаңыдан гүлүн ачкан жоогазындай көргөндүн көз жоосун алаар кезде тагдырым мага ушуну көрсүн деген беле? Эми кантип аны менен агам катары беттешем?" деп соолуктап жатты.

Эне-бала деген кандай гана кулакка жагымдуу сөз! Чогуу отуруп сүйлөшүп Чачыкей бирде күлүп, бирде ыйлап отурду. Оюндагынын баарын айтты, үчөөнү карап алып бала кездерин, өзү кеткендеги томпоңдогон капарсыз наристелерди көз алдына келтирип алып, азыркы сомодой болгон үч жигитти өзүнүн балдары экенине ишенгиси келбей турса да тагдырдын салган эчен азап-тозогун эстегенде гана улам бирине жалынып коюп ичинен Тойчуну эстебегенине уялып жатты. Ал мурункусундай эле апалап жатты: "Менин өзүмчүлдүгүмдү кара, зыңкыйып өсүп адам болуп калыптыр" деп ойлоп, жүзү уятынан кызарып кетти. Көпкө отуруп калышты. Ыйлап сооронуп болгондон кийин жанында отурган Асан менен Үсөнгө карап тааныштырып кирди.

- Кагылайындарым, тагдыр деген ушундай болот экен, бирок адам өзү себепкер, кечиргиле балдарым! - деп Чачыкей көз жашын аарчый жер карады.

- Апа, сиз андай дебеңиз, азыр биз деле үйбүлөлүүбүз, баарын түшүнүп, баарына маани берип жашоонун өйдө-ылдыйын түшүнүп калбадыкпы. Ушунчалык табышып калганыбызга шүгүр, сиздин дарегиңизди алгандан кийин бул үйгө канча жолу келдик! - деп Тойчу токтоо, салмактуу үн катты.

- Садагаларым десе, силерди көрөөр күнүм бар экен, ушунуңа шүгүр, жараткан, - деп Чачыкей бир азга унчукпай отуруп калды да, бир нерсени эстегендей жан жагын карап. - Булар силердин иниңер болот, Асан-Үсөн… Ыя Саяна, кайда жүрөт, чакырчы аны. Карындашыңар бар! - деп күлүмсүрөй шашкалактады.

Асан-Үсөн болсо аларга баштарын гана ийкей учурашып, таанышкан болду.

- Ботом, Саяна кайда кетти, чакырчы! - деп Чачыкей кайра-кайра айтканда Эмилдин башы шылк этип төмөн түштү. Анын жүрөгү сыздап ыйлап жатканын сезди, Чачыкей болсо: "Эркем, өгөйлөп жаткан чыгаар, бат эле жазылат, агалары менен таанышып бир тууган болуп кетет. Мейли, таарынса таарынып турсун" деп ойлоп унчукпай калды.

Асан акырын туруп кетип, ой-боюна койбой Саянаны ээрчитип чыкты. Анын шишиген көздөрүн Эмил гана сезди, калгандары кайдан туйсун..

- Саяна, кагылайын эркем десе, агаларың менен тааныш, кызым, - деп Чачыкей жанына келип отурган кызын кучактай Эмил, Эдил, Тойчуларга жылмая карады. - Бул карындашыңар Асан-Үсөндөн улуу, жалгыз карындашыңар болот.

- Жакшы экен, апа, ушуларды кейитпей карап жаткан сизге дагы ыраазыбыз. Саяна бир жерде окуйбу? - - деп сурады Эдил.

- Ооба, медучилищада окуп жатат.

- Аа-а жакшы, эгер андан жогоркуга окуйм десең бизге айт, карындашым, сени сөзсүз окутабыз, - деди Тойчу чын пейли менен бапылдап.

Бул сөздөр Чачыкейдин жүрөгүн бычаксыз тилип, ушунча жылдан кийин дагы апалап турган Тойчунун алдында өзүн айыптуу сезип жатты: "Курган чолок акыл жаным, көзүн ача электе колума алып баккан баланы канча ирээт жаман айтып, кандай жерибедим. Эми кара, үчүнчү балам болуп маңдайымда отурганын. Ушуну оюма да алып эстеген жок элем го" деп кайсалактай не кылып, не иштеп жатканын да сезбей тура калып ашканасына кирип, калдастап жатканда Саяна жанына келип:

- Сиз отура бериңиз, өзүм дасторкон алып барам, - деп аны чыгарып ийди.

Кайра келип отуруп сүйлөөргө сөз таппай, Чачыкей ар бирине жалынып-жалбара берди: "Балалуу өрдөк талпынса балапандар чуу болот, баласыз өрдөк талпынса жез канаты куу болот" дегендей, бу балдарын канатына калкалап өз колу менен чоңойто албаганына ичтен сызып кыйналып турду.

- Апа, - деди Эдил бир кезде, - Сиз бизди "таштап кеттим, багалбай калдым" деп убайым жебеңиз. Сизди күнөөлөмөк тургай, ушул мүнөттө таап алып жаныбызда отурганыңызга кубанып отурабыз.

- Ооба, апа, - деп Тойчу аны коштой кетти. - Канча жыл өтсө да оюбузда сиз болчусуз, эстегенде жаман абалда жүрө берчүмүн, кандай гана сагынбадык…

- Каралдыларым, өпкөмдү чабайын силерге, күндүр-түндүр эсимден кетпедиңер. Саянанын атасы өлүп, Асан-Үсөн жаңы төрөлүп азапта калдым…

Эмил дудуктай үнсүз, оозунан сөз чыкпай отура берди, анын жан дүйнөсүндө ызгаардуу бороон улуп, жүрөгү канап, сезимдери гүлдөй бүрүшүп, апасын жек көрүп да, боору ооруп да турду, анын ички туюму ага бирде жөлөк болуп акыл айтса, бирде баарынан кечип кетүүгө бел байлап, бурганактуу борошодо буюккан жолоочудай мелтиреп отурду. Саяна дасторкон жая үстүн дүр-дүйүмгө толтуруп, сыңар тизелей отура калып чай сунуп жатты. Асан-Үсөн тамакка кам көрүп сыртта, алар кечээ эле бир койдун этин алып келип койгон. Агаларын сыйламак болуп жатты. Үйдө эне-балдар бакылдашып, адеп жолукканда төккөн ачуу жашты бакыттын көз жашы жууп, азыр алар өздөрүнчө эле бактылуу. Саяна баарын унутууга бел байлады: "Тобоо, 'Мен сени сүйөм' деп айтпаганым жакшы болгон тура. Мейли, жаңылыштык боло берет. Кыскасы, ары өтпөгөнүбүзгө шүгүр, 'билбеген адам уу ичет' дегендей Эмилдин деле абалын түшүнүп турам, анын абалы меникинен оор болсо керек, 'мен сага үйлөнөм' деп үйүнө ээрчитип барганына өкүнүп жаткан го" деп улам көз кыйыгы менен карап чай сунуп коет. Ушул кезде Мусакул кирди:

- Ас-салоому Алейкум, жигиттер!

- Ал-леки салам.

Үчөө тең ордунан тура калып кол бере орун бошотушту, чок төргө отурган Мусабек үчөөнө карап:

- Ээ жигиттер, жол болсун, өзүңөрдү тааныштырып отурсаңар. Мен Таластын бир айылынан болом, атым Мусабек, - деди.

- Менин атым Тойчу, балдары болобуз.

- Менин атым Эдил.

- Эмил.

- Оой, Чачыкей бактылуу аял тура, силерге окшогон азамат балдары турганда, - деп Мусабек билинээр-билинбес ийнинен улутуна тим болуп, өз балдарын ойлонуп кетти.

Бир топко кобурашып отурган соң, алардын алдына Асан менен Үсөн ээрчише табак көтөрүп кирди. Саяна аларга жардам берип табак, кашыгын алып келип шорпо куюп, Таластын гүлчөсү ортодо семиз эт менен келгенде Тойчу Эдилди карады, Эмил эки агасын карап тим болушту.

- Келгиле эмесе жигиттер, тамакка карайлы, Асан-Үсөндүн конок тосушун карагыла, ушундай жигиттер турганда Чачыкей бактысы ашкан эне тура, - деп Мусабек дагы бир жолу умсуна сөз кылып өттү.

- Кудайдын ушунусуна шүгүр, өчкөн отум тутанып, үзүлгөн үмүтүм уланып бакыттын даамын татаар күнүм бар экен! Көксөгөн тилегим орундалды, көкүрөк толгон арманым арылып маңдай жарыла кубанып отурган чагым, - деп Чачыкей чексиз бакыттын көлүндө калкып көздөрү күлкүгө толуп, ажарлуу жүзү албырып турду.

Ушул күндөрдүн кимгедир баркы жоктой эндиреп, жашоодон кечтирген мүнөттөрү бирөөнө бактынын кайыгында калкыган чексиз ырыскыны тартуулап, дүйнө жүзүндө түркүн тагдыр адам баласын өмүр кечирип жатпайбы?

Тойчулар бата кылып орундарынан турганда Чачыкей шашкалактап калды.

- Кое тургулачы, садагаларым, тура тургула, азыр мен… - деп ички бөлмөсүнө кирип кетип заматта кайра чыкты. - Мына муну куру кетпей мойнуңарга салып кеткиле балдарым, буйруса эми атайын чакырып алам!

- Апа, биз жөн эле көрүп, таанышып келели деп келгенбиз, кудай буйруса келиндериңиз, неберелериңиз менен келебиз, ошондо анан көйнөгүңүздү сурап, бала кездегидей өзүңүз кийгизесиз! - деп Тойчу күлө Чачыкейди эки карыдан ала көздөрүнө тике карап күлмүңдөдү. - Туурабы, апаке? Билем, сиз мени мектепке жөнөтөөрдө бетимди жууп, кийимимди өз колуңуз менен кийгизип жөнөткөнүңүздү.

- Ооба, мен дагы чала-була билем! - деп Эдил сөзгө аралаша бир жагына тура калып ийинине колун кое, жаагына жаагын тийгизе көзү жашка толо түштү.

Эмил бир жагынан келип, эки агасынын артынан кучактап калды. Эненин ушул кезде сай сөөгү сыздай, үч уулун кучактап алып бүт тулкусу бошоп турду.

- Кандай айлам бар эле, балдарым? Мени шайтан айдады. Эми баары жакшылык менен бүттү, силердин башыңарды коштум, эми өлсөм да арманым жок, - деди Чачыкей, - Асан, Үсөн, Саяна, келгиле балдарым, мына силердин жөлөк-таягыңар, өбөк-жөлөгүңөр!

Ошондо гана четте карап турган Асан-Үсөн, Саяна үчөө келип кучакташып калышты. Эне жүрөгү кубанычтан жарылып кетпей аз жерден калды. Бир боор болуп кучакташып турганда Мусабек келди да:

- Азаматтар, мына апаңардын ырысы бар экен, болду эми, кудайдын жүз көрүштүргөнүнө ыраазы болгула, - деди да Эдил менен Тойчунун жонуна колун койду. - Улуусу силер болгон соң эми булардын милдетин көтөрөсүңөр, али алдыда канча мезгил бар, балдар…

Эне-балдар көптө барып бөлүнүштү да, Тойчулар жолго чыгышты. Чачыкей колун булгалап, караандары узагыча карап турду.

- Апа, балдарыңыз крутой экен, ээ? - деп Асан күлүп койду.

- Апамдын балдары жама-ан багач болсо керек? - деп Үсөн апасын бир жагынан кучактай калды, - Чычылабайсызбы, апа?

- Ээ садагаларым ий, ошолорду ойлобой жалаң үчөөңдү багам деп карыдым го. Аларды атасы кейитпей бакты, окутуп-чокутту да… - деп Чачыкей эки жагында эркелеп турган балдарын өөп койду. - Саяна, агаларың жактыбы, кызым?

- Жакты. Бирок, апа, чогуу өспөгөндөн кийин чоочун болуп калат окшойбуз, - деп Саяна апасын ойлуу карады.

Мусабек да алар менен чогуу жүргөн. Асан менен Үсөн аны жакшы көрүшөт. Ошол күнү ал аларга өз оюн айтып өздөрүнчө сүйлөшүп отурушуп үйгө киргенде, Асан инисин, эжесин карады да, апасына:

- Апа, бизди бактыңыз, чоңойтуп тарбия бердиңиз, ойлоп көрсөк сиз милдетиңизден кутулупсуз, - деп бир азга орчундуу сөз айтчудай кайра сөзүн улады. - Балдардын да парзы болот экен, атабыз жок, сиз эми күйөөгө чыгып алыңыз! - дегенде Чачыкей чоочуй карады.

- Эмне дейт, ботом, күйөөгө эми кайдан?

- Апа, балдардын парзы экен, үч жолу айтсак милдетибизден кутулабыз да? - деп Үсөн күлө карады. - Туура айтат Асан, бизди багам деп көп мээнет тарттыңыз, - деп Саянаны карады. - Эже, сиз да айтууга акыңыз бар!

- Эмне деп эле былжырап жатасыңар ыя, апам эми күйөөгө тийип эмне?! Ансыз да эки эрге тийгени жетишет! - деп Саяна инилеринин сөзүн жактырбай тултуңдай кетти.

- Эже-е, сиз деле бир-эки жылдан кийин бирөө менен кетесиз, биз үйлөнөбүз. Апамдын жашы али элүүгө чыга элек, өмүр бою жанында болгон күндө да жалгыздыктан тажайт да, апам күйөөгө тийиши керек! - деп Асан бүтүм чыгаргандай сүйлөгөндө Чачыкей уулдарын алмак-салмак карап:

- Ботом, менден тажагансыңар го? - деди акырын гана.

Ошондо гана баятан бери унчукпай отурган Мусабек сөзгө аралашып:

- Чачыкей, балдар туура айтат, сен али жашсың, турмушка чыгышың керек! - деди.

- Сиз кылып атасызбы ушуну, Асандарды үгүттөп? Эмне, сиз бизге ата болгону жатасызбы? - деп Саяна жини келгендей аны карады эле, Чачыкей аны тыйды.

- Кой кызым, атаңдай кишиге катуу айтпа.

- Анан эмне каякта жок сөздү айтып жатат, чоңойгон балдары турса, эл эмне дейт?

- Ошентсе да улуу кишиге катуу айткан болбойт, сени кыз бала дейт, кызым!

- Эмне болсоңор ошо болгулачы, күйөө-күйөө деп, карыганда күйөөнү эмне кыласың? - деп булкуна Саяна ордунан туруп кетти.

Ал чыгып кеткенден кийин Үсөн:

- Апа, турмушка чыгып алыңыз, буйруган акча турат, аны корото элекпиз. Асан экөөбүз эртең машина базарга барып машина карап көрөлү, андан кийин бир жакшы үй карайлы, - деди жер карай.

- Ээ балдарым ай, неге минтип калдыңар, муну өз акылыңар менен айтып жатасыңарбы же бирөө үйрөттүбү? - деп Чачыкей эки уулун алмак-салмак караганда, Асан:

- Апа, Мусабек аба бизге атабыздай эле болуп калды, сиз бу кишиге турмушка чыгыңыз! - Асан Чачыкейдин жанына келип аны кучактап калды. - Апа, биз сизге мындай сөздү айтпасак балалык милдетибизден кутулбай, карызыбыз мойнубузга калып жатпайбы, - деп күлүмсүрөдү.

Чачыкейдин көздөрү Мусабектин көздөрүнө чагылыша түштү. Анан кыз кезиндей жылмайып, жер карады…

Бул турмуштун кызыгы эл ичинде, адамзаттын сыртынан караганда баары бирдей, кимисинде кандай сыр бар экени билинбей жашоо өз агымы менен өтө берет тура . Армандуусу да, бактылуусу да жашоого умтулуп күнүмдүк жашоонун кулу болуп өңгүл-дөңгүл жолдордо чимирилген дөңгөлөктөй качан гана өмүр токтогондо баары бүтөт, ага чейин адам баласы өз турмушундагы оңуттуу мүнөттөрдүн баалуу экенин сезишпейт дагы.

Чачыкейдин көңүлү тынып, бактылуу болуп ары-бери жүгүрүп уул-келиндеринин, неберелеринин келишине камынып жатты. Бул кезде Тойчулар Өмүрбек менен Акынайга келип кеңешип отурушту.

- Ата, апа, силерге айтпасак болбойт, кийин таарынып жүрбөгүлө. Биз апамды таптык, эми бала-чака менен чогуу барып келсекпи дедик эле, - деп Эдил Өмүрбекти карады.

- Тапканыңар жакшы, балам, туура кыласыңар, - деп Өмүрбек уулдарын карай башын ийкегиледи. - Кайда турат экен?

- Аркы көчөдө турат экен.

- Нарынскаядабы?

- Ооба.

- Жакшы болгон тура , жашоосу кандай экен, дурус элеби?

- Оой, абдан жакшы турушат экен.

- Жакшы-ы.

- Чачыкей экөөбүз урушуп-талашкан жокпуз, аны үйгө эле чакырбайт белеңер? - деп Акынай сөзгө кошулду.

- Кийин чакырабыз, - деп Эмил күңк этти.

- Апаңарды абдан сагынган экенсиңер ээ балдарым? Мейли эми, бала-чакасы бар бекен?

- Эгиз балдары он тогузда экен, кызы жыйырма экиге чыгып калыптыр. Күйөөсүбү, бирөөсү жүрөт.

- Аа-аа, жакшы.

- Байкуштун күйөөсү өлүп калды деп уктум эле, кийин тийсе керек да? - деп койду Акынай.

Ал негедир ага өчөшкөнсүгөндөй кыйытып турганын Өмүрбек билди.

- Тийсе тийгендир, балдары менен кыйналгандыр…

- Кой, биз жумушубузга киришели, - деп Тойчу ордунан турду.

Эдил экөө чыккандан кийин Эмилди караган Акынай:

- Сен качан үйлөнөсүң, балам? - деди.

- Үйлөнбөйм! - деген Эмил да туруп кетти.

- Эмне болду, тапкан кызың болбой койдубу? - деп Өмүрбек анын артынан сураган бойдон кала берди.

Эмилдин көңүлсүз күңк эткени экөөнү ойлонтуп койду. Алар өзү тапкан кызын эртерээк тааныштырмак болуп турушту оюнда. Өмүрбек эртеси эле үйгө келип конок келээрин айтып Акынайды шаштырды. Эмилге эч нерсе айтышкан жок. Кечке маал эки машина токтоп, үч адам түштү. Өмүрбектин досу аялы менен алардын кызы. Эмилге билгизбей атайын конокко чакырган эле. Эмил чогуу отурганда, Өмүрбек:

- Медет, бул менин уулум Эмил, эң кичүүсү, - деди колу менен жаңсай, - университетте окуйт.

- Жакшы, Өмүке, балдарың чоңоюп калыптыр. Биздин балдар дагы баары өз жолдору менен кеткен, бул биздин эркебиз, кенжебиз Кашымкан.

- Жакшы, айланайын. Эмил, Кашымканга үйлөрдү көрсөтүп кел, жакындан таанышып, - деди Акынай Эмилге акырын ымдай.

- Болуптур, - деп Эмил ордунан турганда Акынай Кашымканга карады:

- Бара гой кызым, ата-энең биздин сыйлуу адамыбыз болгон соң балдар да тааныш болгонуңар жакшы эмеспи, кокус жолдон жолугуп калсаңар бейтааныш болбой учурашып жүрөсүңөр, - деп шыпылдап калды.

Кашымкан уяла ата-энесин бир карап коюп ордунан тура жөнөдү. Алардын максаты атайын экөөнү тааныштыруу болгондуктан Медет менен аялы Айнакан башын ийкеп коюп өздөрүнчө отуруп калышты.

Эмил менен Кашымкан ээрчише адегенде Эмилдин бөлмөсүнө келишти.

- Кашымкан, окуйсуңбу?

- Ооба, Кыргыз-Түрк университетинде экинчи курсмун.

- Жакшы, - деп Эмил кызды көз кыйыгы менен карап койду, - Жигитиң бардыр…

- Оой жок, жигитти али ойлоно элекмин.

- Эмнеге, сиздей кыздардын балдары бар го, сиз кечигип калган жоксузбу? - деп күлүп койду.

- Шашылганда эмне, күтө тура-ар, - деп Кашымкан аны карабай туруп жылмайып койду. - Мен али жашмын.

- Жашмын деп жүрүп картаң кыз болуп калам деп ойлобойсузбу? - деп Эмил тамашалап койду.

- Аны тагдырымдан көрөөрмүн, ойлонуп иш кылган жакшы го?

Экөө көпкө чейин сүйлөшүп отурду. Анан кайра келип отуруп тамак ичишип сый көрүп үйлөрүнө кетишти. Эмилге кыз жакты, негедир ал сүйүүдөн жаңылып калганына өкүнүп турду. Кара көздүү узун чач сулуу кыз өзүнүн карындашы болуп калганына өзүнөн-өзү уялып, жолугушкан күндөрүн кайра-кайра эстеп жатты.

Арадан эки күн өткөн соң Чачыкейдин үйүнө Тойчу аялы, үч баласы менен, Эдил үч баласы менен, Эмил болуп кечке маал келип түшүштү. Чачыкейге бир сыйра кийим-кече, кант, чай, таттууларды толтуруп алып келишти. Саянага, Асан-Үсөнгө дагы кийим-кече алууну унуткан жок. Акынай канчалык токтоолук кылган менен кичинекейинен баккан балдарын өз энесинен кызганып жатты, жаны тынч алалбай көңүлү ирээнжип: "Бармактайынан мээнет кылып баккан менен өз энесин таап кетет деп ойлогон эмес экемин. Ушунчалык эт бетимден түшүп баккан мага ушул убакка чейин мойнума бир көйнөк кийгизип, жоолук салган жок эле, таштап кеткен энесине баары жокту көтөрүп баратышканын" деп кыжаалат боло берди. Анын ич күптүсүн Өмүрбек айттырбай эле билди, сезди. Ал аялынын көңүлүн көтөрүүгө аракет кылып жатты.

- Ээ байбиче тагдыр деген ушул тура, ага сен капаланба, өз оокатыбыз өзүбүздө, анын да өз жашоосу бар экен, кантсе да өз энеси эмеспи, барышсын.

- Эдил менен Эмилге го мейли, Тойчуга эмне жок? Ошонун бөлөк экенин билгизген жок элем го?

- Чынында эмгек сүтүн эмбеген, көзү ачыла электе мээнет кылган ошол, сен экөөбүздүн да уучубуз куру эмес, Индира менен Кайрат турбайбы?

- Ошентсе деле ичиң ачышат экен… - деп Акынай улунутуп алды.

Экөө тең унчукпай отуруп калды.

Жашоо-турмуш дегениңдин оош-кыйышы болбой түз жашоо болбойт экен да. Эдил кубанычы койнуна батпай эки инисине карап бакылдап жатты.

- Силерди кайда болбосун колдоп алууга алыбыз жетет, мына биз турабыз.

- Ананчы, экөөңөр эми жалгыз эмессиңер!

- Биз бир тууганбыз, силердей бир тууганыбыз бар экенине сыймыктанабыз, инилерим, карындашым. Экөөңдү эртең эле өзүбүзгө жумушка алабыз. Фирмабыз кенен, эч кабатыр болбой биз менен болгула!

- Ошенткиле, каралдыларым!

Чачыкейдин маанайы көтөрүлө өткөн күндөрүн, Саматты ээрчип кетип калганын, ушул балдарынын чиедей болуп томсоруп кала бергени көз алдына тартылып уялып да, чексиз ыраазы болуп да турду. Кечээ көргөн азап-тозогу, түйшүктүү күндөрү көргөн түшү сымал гана бакытка балкып турду…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз