Айгүл ШАРШЕН


"Тагдырдын сынагы"


Муздак отургучка отурдум, дал ушул орундукта экөөбүз далай жолу келечегибизди элестетип кыялданып отурбадык беле? Качан үйлөнөрүбүздү, канча балалуу болоорубуздан бери сүйлөшүп, мен үч уул, бир кыздуу болобуз десем сен эки уул, эки кыздуу болобуз деп талашчусуң. Анан бир заматта таарынып калдың, таарынычыңды жазалбай канча жалдырадым. Кетип бараткан жериңден көтөрүп келип, ордуңа отургузуп алып, чолоо жериңди койбой өөп жаттым, бутуңа чөгөлөп кечирим сурап жаттым. А сен таптакыр жазылбай, тултуйган бойдон коштоштуң. Көрсө, сен жөн эле шылтоо таппай жүргөн экенсиң да, мен аныңды - атайын менин көңүлүмдү калтыра албай эле жолугушууга келип жүргөнүңдү кийин билдим. Мен сага чын дилим менен ишенип, жүрөгүм менен сүйүп, сени келечектеги жубайым, үйүмдүн куту, балдарымдын апасы болот деп кыялданып жүрсө…

Эртеси сенин таарынычыңды жазмак болуп, кыпкызыл роза гүлүн көтөрүп алып, жатаканаңдын алдына келдим. Чогуу жашаган Айзада деген кыз мени терезеден көрүп, чыгып келди.

- Кандай Айзада, окуулар жакшыбы? - дедим аны көрө сала.

- Жакшы, баары ойдогудай, - деп ал мени бир азга карап, туруп калды.

- Мен Алинага келдим эле, ал уктап атса керек? - дедим мен анын уйкучу экенин өзүнөн укканымдан улам.

- Алина жок, бүгүн эртең менен айылга шашылыш жөнөп кетти. Эмне, сен эчтеке билбейсиңби? - Айзада таң калгандай сурады менден.

- Эмнени билмек элем? - Мен кайра өзүнө суроо бердим.

- Ал Асек экөө үйлөнмөк, кечээ Асек келип алып кетти! - дегенде эмне дээримди билбей колумдан жоодураган кыпкызыл гүлүм түшүп кеткенин сезбей делдейдим.

- Ал сага айткан жок беле, ата-энелери кудалашып койгон экен, - деп дагы көп сөздөрдү эбиреп жаткан кыздын кебине кулак салбай башым оогон жакты көздөй кете бердим. Менин артымдан кошо келаткан Айзаданы байкабадым. Ээн жерге барып, жалгыз болгум келген. Жете келген Айзада:

- Кызык, Алинага мен айтпадым беле, чындыгын айт деп, ал деле сени сүйчү, бирок ата-энесинин сөзүнөн чыга албады окшойт, - деди катарлаша калганда. Мен унчукпай кете бердим, байкасам көзүмдөн жаш чыгып кетиптир, Айзадага байкатпай алдыга озо берип жашымды аарчып алдым.

- Эмнеге мага айткан жок? Аны менен да сүйлөшүп жүрчү беле? - деп токтой калып андан сураганда ал алдыма тура калып:

- Ал майрамдарда дайыма келип куттуктап, белек берип кетип калчу. Андай деле кыз-жигит болуп сүйлөшүшчү эмес.

- Анда ал өз көңүлү менен кеткен эмес тура, барып алып баса бербейинби? - Айзаданы үмүттүү карасам, ал мени колтуктай минтти:

- Жоодар, сени сүйгөн кыздарды сүйсөң болмок, эми аларды жайына кой, анчалык алып кеткен адамдар сага оңой менен бере коймок беле, анын үстүнө мурунтан эле кудалап, калыңын төлөп коюшканын уккам, Алинанын өзүнөн, - деп менин колдорумду кармай: -Мынчалык чөкпөй өзүңдү кармачы. Алинадай кыз табылбай калса да, мени кара, мен сага жакпаймбы? - деп каткырып күлүп калды. Ошондо анын үнүнүн шаңкылдагы кулагыма жылаажындай угулуп, көздөрү мени күлмүңдөй карап, өзүнчө эле бакытка толуп карап туруптур: "Чын эле эмнеге бир ооз чындыкты айтып койбойт, Айзаданын менде көңүлү бар болсо, анын ичин күйгүзүп, буга эле үйлөнүп алам" деп ойлоп жибердим.

- Эмнеге, Айзада, жаккан менен сүйүүнүн айырмасы бар да, сен сулуу кызсың, акылдуусуң, мага башынан эле жакчусуң, - дедим бир азга өзүмдү алаксытып, тамашанын шарына кирип.


- Чын элеби? - Айзада ого бетер жадырай тигилди. - Сүйбөсөң кой, жаксам эле болду! - деп мени жетелей бак арасындагы отургучка отуруп, мени бир башкача карады.

- Ушинтип көңүлүмдү ачсаң, Алина жакшы кыз, ал сүйүүгө татыктуу, бактылуу эле болсун дейли. - Ойлуу отуруп: - Сен абдан жакшы жигитсиң, Жоодар, "өзүң сүйгөнгө эмес, өзүңдү сүйгөнгө жет", - деген сөз бар го, сени сүйгөн кыздар четинен чыгат, капа болбочу? - деп койду кайра.

- А сенчи, сен мени сүйбөйсүңбү? - Мен аны сынай да, жоодураган көздөрүнө суктана да карап сурадым.

- Менби, мм, мен сени сүйөм дечи, бирок сен мени Алинадай сүйбөйсүң да?

- Өзүң айтпадыңбы, өзүңдү сүйгөнгө жет деп, экөөбүз баш кошуп алсак неге болбосун?

- Эмне дейсиң? - Айзада чоочугандай түр менен мени таңдана карады. - Баш кошуп дейсиңби?

- Ооба, баш кошуп, экөөбүз үйлөнүп алсак болбойбу?

- Ай, Жоодар, тамашаңды койчу, мен сенин көңүлүңдү көтөрөйүн деп тамашалап жатсам, сен чындап атасыңбы? - Ал мени мостое ишенкиребей карады.

- Өлөйүн, тамашам эмес чыным.

- Кой, Жоодар, группалаштарым Алина кетээри менен эле Жоодарды чаап алганбы, зорго жүргөн экен дешпейби?

- Эл менен экөөбүздүн ишибиз эмне, мени атамдар үйлөн деп атат, эми сүйлөшкөн кызымды ала качып кетти десем эмне дейт, андан көрө "мына менин сүйгөн кызым" деп алып кирип барам.

- Кызыксың го, ойлонуп иш кылыш керек, турмуш оңой эмес, Жоодар, мен го сени жакшы көрөм, баалайм бирок…

- Эмне бирок? Мени менен жашоого көңүлүң жокпу? - Мен аны чындап эле демитип кирдим. - Бирок, сен…

- Мен деле сага башынан кайдыгер эмес болчумун, болгону Алинанын көңүлү кирдеп калбасын деп жүргөм, - деп белинен аяр кучактай өзүмө тарттым. Ал бир аз менден боюн ала кача тартынып турду да:

- Жоодар, ойлоноюн, сенин ооруп турган жүрөгүңдү аядым, ойлонбой сүйгөн октобой ооруга жолугат болбойлу, мен сабагыма даярданып жаттым эле, барайын, - деп ыңгайсыздана ордунан турду. Экөөбүз жай, катар басып, анын жатаканасына келдик да, коштоштук.

Мен жатаканама келип алып, аябай ойлондум: "Эмне экен, өң десе өңү бар, окуп жатат, Алина мага бир ооз айтып койбой кеткенине караганда, ал мени мен аны сүйгөндөй сүйбөйт тура", - деп кыжаалат болуп жаттым. Анан эртеси ата-энеме телефон чалмай болдум. Алар менин үйлөнүшүмдү күтүп жүрүшөт. Демек, кечиктирбей үйлөнүшүм керек деген чечимге келип, телефон чалып, үч күндөн кийин келинчек алып бараарымды айтсам, алып келе бер дешти кубаттай. Анан кайра ойлондум "Ал күйөөгө тийип кетсе, мен ага жалдырашым керекпи, ансыз да таарынычын жазам деп, жан алакетке түшкөнүмдү билдиби" деп кекенип алдым.

Үч күндөн кийин шаардын жака белиндеги айылдардын бири, ата-энемдин, өзүмдүн туулган жериме Айзаданы алып бардым. Ата-энем кубанып, экөөбүзгө кыргыздын ырым-жырымын жасап, улактын өпкөсүн чаап, жүгүрүп жүрүшөт. Туугандарга андайда кудай берип салат эмеспи, келин жууп, бапырап эле жатып калышты. Эжем менен карындашым күйөөлөрү менен келген, агам, жеңем, кыскасы чоң тойдон эл азан-казан түшүп жатышты. Кечке жуук Айзаданын жеңеси менен агасы келиптир, чуу болуп калышты.

- Кокуй кудалар келиптир, тоскула, үйгө киргизгиле, - деп эле шашып калганда бир жеңем:

- Ай бала, келиндин жанына кирчи, өзүм сүйлөшүп келдим дебесе агасы такыр болбой жатат, - деди мага.

- Азыр… - деп үйгө кирейин деп баратсам беш-алты аялдын коштоосунда жеңеси үйдү көздөй басып келатыптыр, мен кайра ары басып кеттим. Алар туура эле Айзада отурган бөлмөгө киришип, жеңеси экөө кучакташа ыйлап калышты. Анан эле Айзада сооронуп алып, жеңесинен кечирим сурап:

- Жеңе, мени кечирип койгула, мен Жоодар менен өзүм сүйлөшүп жүргөм, акем ачууланбасын, атамдар батасын берсин, - дегенде жеңеси:

- Сенин кулагыңа куюп, ушинтип айт деп үйрөтүшкөн жокпу? - деп тактап сурады эле ал:

- Жок, жеңе, мен өзүм келдим, кыздын бараар жери күйөө болгон соң убагында өзүм өкүнбөгөндөй болуп каалаганыма тийгеним жакшы эмеспи? - деди. Жанында жарданып турган кемпир-кесектер жаалап, Айзадага ыраазы болуп жатышты:

- Анан эмне, айланайын, акылдуу кыз тынаарын ойлойт, акылсыз кыз ойноп-күлөм деп жүрүп орто жолдо калат.

- Ошону айтсаң, жүрү, кагылайын, үйгө кир, эми куданы киргизели, - дешип жеңесин эки жагынан колтуктай болбой эле, конок бөлмөгө киргизип кетишти. Эшиктеги агаларым агасын киргизмек болгондо:

- Туура түшүнгүлө, биз кубалап келген жокпуз, жеңеси калсын, мен эртең куугун менен келем, - деп көгөргөндө алар болбой аны үйгө киргизишти.

- Ошо кантип болсун, мынабу жерде өңчөй сыйлуу карылар турабыз, карынын сөзүн ук, казанда бышкан ашты таштаба! - дешип отургузуп коюшту. Алар жайланышып калгандан кийин Айзаданын жанына кирдим, мени менен кошо досторум, аяштарым кирди. Чынында, алганым досторумдун көңүлүнө жакты.

- Ой, Жоодар, бу көгүчкөндү Бишкектин кайсы багынан кармап алдың ыя, аяш абдан сулуу го? - дешип каткырып күлүп тамашалап калышты,. Дасторкондо күздүн күнү болгондуктан бары-жоктун баары жайнайт. Аз-аздан ичип отуруп, орто кызуу болуп калышты. Ыр кезе узатып, музыка коюп, бийлеп дагы, чардап да жатышты. Дал ошол кезде мен Алинаны эстедим: "Мен сени менен бактылуу болом деп жүрүп, бактыма башка табылып калды, деги сен бактылуусуңбу?" деп ойлоп алдым. Бака-шака болуп отуруп, менин бир азга ойлоно түшкөнүмдү эч кимиси деле байкаган жок. Бир гана Айзада баамдап калды окшойт.

- Жоодар, эмнеге ойлонуп калдың? - деп мага жоодураган көздөрүн тигилте карады.

- Эмнени ойлонмок элем, жаным, сен өзүңдү бактылуу сезип жатасыңбы, ошону ойлоп жатам, - деп бурулуп аста кулагына шыбырамыш этип, өөп койдум.

- Абдан бактылуумун, бүгүн менден бактылуу жан болбосо керек, - деп койду, көздөрүн коймолжута назданып.

- Ошондой эле болсун, мен да бактылуумун, ушу сага жолугуп калганыма.

- Ой, эки жаш, тим эле өзүңөрчө укмуш болуп кеттиңер го, кое тургула, убакыт бар, анан ээн каласыңар, жетишесиңер! - деди досум Үсөнбек.

- Ошону айтсаң, мынабу биздин айтылган сөздөрүбүз, арнаган ырларыбыздын баары силерге гана, уккула, көңүл бургула, сүйүшкөндөр! - деп дагы бир аяшым саал кызып калганга созолунуп ырдап кирди.

- Ыраазымын силерге, достор, аяштар, - деп мен дагы аларга карап отуруп калдым. Көрсө, Айзада экөөбүз, бири-бирибизге кыналышып, жабышып калыптырбыз. Айзада уялганынан беттери кыпкызыл болуп кетти.

Ошентип, Айзада экөөбүздү жеңеси жаткырмак болуп калды. Баары оозгу үйдө, экөөбүзгө төшөктү салып коюп, менин жеңем чыгып кетти. Айзада ошол кезде негедир карышкырдан корккон бөжөктөй бүрүшүп, мени тике карай албай денеси титиреп турду. Көптү көргөн жеңеси:

- Бул илгертен бери келаткан салт садага, атамдарга сүйүнчүлөп барсам сага да, мага да жакшы, өзүң каалап, сүйлөшүп жүрүп келген соң эч тартынба, көчөдө жүрүп көшөгөнү көрбөй, ак шейшеп эмес карандай жерде тебеленгенге караганда бул сонун иш, кана мен киришпей эле коеюн, күйөө бала, өзүңөр эле жаткыла! - деп жеңеси чыгып кетти. Ошондогу кыз жанында жалгыз калып, эч нерсени башыман өткөрбөгөн жаным, мен да андан бетер, буттарым, колдорум калтырап, Айзаданы салынган төшөккө алып келгеним күнү бүгүнкүдөй эсимде. Бир кезде анын "Апа-а" деген үнүн угуп эс ала түштүм. Эртең менен жеңеси кирип келип: - Азамат, күйөө бала, ылайым бактылуу болгула! - деди да шейшепти дароо эле алып чыгып куда-кудагыйларына көрсөтүп:

- Келиниңер эркек төрөдү куда, көрүндүк! - деп шаңкылдап жатканын угуп биз уялып турдук. Айрыкча Айзада туралбай шишип көөп, кыйналып калыптыр. Мен болсо эркектигиме корстон боло сыртка чыгып кеттим.

Айзада жакшы келин болду, ата-энеме, туугандарыма жакты: "Жерге-жээги, ата-энеси жакшы кишилер туура, уулум, кыз тандаган жагынан азамат экенсиң, бактылуу болгула!" деп жатышты. Биз аз күн туруп эле шаарга жөнөдүк, менин да, Айзаданын да окуусу бар. Экөөбүз чогуу шаарга келгенден кийин батир жалдап жашап калдык. Экөөбүз чогуу чыгып, чогуу келебиз. Ал менин кийимимди жалтылдата үтүктөп, мойнума галстук тагып, дайым колтуктап алат. Бактылуубуз, кечкисин ар дайым бакты аралап, сейилдеп келебиз, көрсө биз ошондо жаштыгыбыз менен коштошо албай жүргөн экенбиз да. Эки ай болгондо Айзаданын боюна болуп калды. Ошондогу кубанычымды айтпа: "Мен балалуу болом, Алина, а сенчи, сен дагыбы? Балким менин Айзадага үйлөнгөнүмдү уккандырсың, кандай ойго келдиң экен, же мени ичиңден табаладыңбы? - деп ойлоп коем. Чынында ар бир кубанычымды, бактылуу экенимди сени менен гана бөлүшөм. Андайда көкүрөктөгү бугум чыгып калгансыйт. Ошол бойдон сени Асек окутпай койгонун уктум, эң кичүү баласы болгондуктан силер колунда болот имишсиңер. Дайыныңды биле албадым.

Аруу сүйүүсүн, аздек сезимин арнаган Айзадам менен өмүр сүрүп жаттым. Анын улам ичи чоңойгон сайын ага жумуш жасатпай калдым, эптеп жүрүп экзамен тапшырды. Каникул болгондо экөөбүз айылга бардык, жайдын толуп турган кези. Айлана жапжашыл тукаба жамынып, тал- теректердин желге термелген шоокуму өзүнчө эле керемет. Алма, өрүктөр түйүп, бармактай болуп шагы ийилет. Дал ошол керемет жайда Айзада эркек төрөдү. Апамдын этеги элеп болуп, төрөткана менен үйдүн ортосунда жүгүрүп жүрөт. Мен болсо ата болгонумда: "Алина, мен ата болдум, а сенчи, балким сен деле эне болгондурсуң, андай болсо куттуктайм, мен өзгөчө бактылуумун" деп өзүм менен өзүм сүйлөшүп, Алинанын элеси менен болдум кечке. Кечинде эки классташым, досторум келиптир, чогулуп алып төрөт үйүнө бардык. Кызыл роза гүлүнөн букет алып алган элем. Экинчи кабаттан менин гүл кармап турганымды көрүп, негедир кабагыңа көлөкө түштү. Мен эч нерсени түшүнбөй эле: "Жаш төрөгөнгө болсо керек" деп ойлоп, жерден эле үн салдым.

- Айзада, кана уулумду көрсөтчү?

- Азыр, - деп көрүнбөй калды да, бир кезде көздөрүн ача элек наристени терезеден мага көрсөттү.

- Куттуктайбыз, уулуңар аман болсун! - досторум баштарын өйдө созуп, чурулдашты.

- Рахмат! - дедиң заматта булуттан жарк этип чыга калган күндөй жадырап.

- Айзада, кирсек болобу, бул гүлдү сага алып келгем! - дедим мен аны карай.

- Кире бергиле! - дегендей үнү угулбаган менен колун жаңсай чакырды. Биз жарыша тапыраган бойдон үстүңкү кабатка чыктык. Ортодо тосмо бар экен. Айзада чыгып, кичине айнекчеден башын чыгара бизди тосуп алды. Кубанычым койнума сыйбай аны ошол жерден эки бетинен өөп, гүлүмдү бердим. Ошондо Айзадам мени карап муңая:

- Жоодар, бул роза гүлүн Алинага берчүсүң, мен сүйгөн гүл башка эмеспи, мага эмес, Алинага деп элестетип алгансың го? - деп жылмаюуга аракеттенди. Ошондо эстедим, Айзада астра гүлүн жакшы көрөөрүн айтканын, ал тургай туулган күнүндө өзүм эки ирээт апаппак астра гүлүн белек кылгам.

- Кечирип койчу, жаным, базарда астра гүлү жок экен, анан шашып алып келе бергем… - дедим мен анын алдында күнөөлүүдөй: "Таарынбаса экен, балалуу болуп кубанып турганда, кайдан да роза гүлүн ала койдум эле" деп өзүмдү жемелеп жаттым.

- Ага эмнеге анчалык кечирим сурайсың, жүрөгүңдөн алып келсең кантип албай коймок элем, анын үстүнө кубанычтуу күндө кантип сени капа кылам? - деп кайрадан жаркылдай кетти Айзада. -Бирок чынында сен аны али унута элек экенсиң, билдирип койдуң, - деп наздана көзүн тиги досторума карай кыса тамашалап койду. Анын сезгичтиги мени таң калтырып жатты. Айзада көпкө биз менен сүйлөшүп туруп, анан:

- Атакеси, эми үйүңө бара элек уулуңду жууп көп ичпе, эки-үч күндө биз барып калабыз, - деп мээримдүү жылмая коштошуп кирип кетти.

Алыбек, Капарбек, Жанарбек төртөөбүз биздин батирге келип дагы ичтик. Али көзү ачыла элек, жарык дүйнөгө келгенин сезбеген, аты да коюла элек наристенин келечеги үчүн иче берип, отурган жерибизде кулап калган экенбиз. Турсам үйдүн ичи бир сасык жыттанып калыптыр. Айзада күндө эртең менен терезе, каалгаларды ачып койчу, мен да ошенттим. Башым зыңгырап ооруганына карабай бөтөлкөлөрдү чыгарып, төгүлгөн арактын жыты кетсин деп, үйгө атыр чачып, шыпырдым да, тигил үчөөнү бирден тургуздум.

- Тургула, эй, үйүңөр барбы, карачы үйдүн кебетесин, ушул бойдон Айзада көрсө баарыбызды кууп чыгат! Апам да келет болуш керек?

- Ой, ата-аа, кое турчу бир аз, ансыз да баш жарылып ооруп турганда.

- Баш жазаар бирдеме калыптырбы?

- Кайдан баары төгүлүп калыптыр, - дедим чынын айтып. Алар ишенбей онтолоп зорго туруп, сыртка чыгышты. Мен жаңы наристе кирчү үйдү жан алакетке түшүп, тазалап бүтүп калганда, бир бөтөлкөсүн көтөрүп, кайра киришти. Мен аларды сырттагы тал түбүндөгү көк чөпкө алып чыктым.

- Эй дос, сен эмне үйүңдөн кубалап чыктың? - дейт бири нааразы болуп.

- Кууган жокмун, эки күндөн кийин үйгө менин уулум келет, арак төгүлүп калыптыр, жыты кетсин, - Мен актана кеттим.

- Ой, биз деле балалуу болгонбуз, баланын жанына отуруп алып эле ичип жүрөбүз, - деди да, эсине келе калды. - Кой, аяш энем келип калса уят.

- Мейли, ырас эле аялы келсе тазараак турганы жакшы, ал бизди жаман көрүп калат, билсеңер бул бизди аяп жатат, - деди бири. Кайрадан баш жазабыз деп мас болуп калганда апам, карындашым болуп Айзаданын төрөгөнүн угуп келип калышыптыр. Өзүм кызуудан өткөн мас болсом да, билгизбей тосуп алдым. Байкуш апам козунун этин, май, сүзмө кылып алып келиптир, чалап кылып ичип, оңуп эле калдык. Досторум алар келгенден кийин уялышты окшойт кетип калышты: "Үйдү жыйнап койгонум абийир болгон экен" деп ойлоп койдум. Карындашым арыдан- бери тамак жасай койду, кечээтен бери ысык эчтеме ичпей эле арак иче бергенге ичим ачышып калган экен. Бир чоң чыны шорпону басып алып, эс ала түштүм. Анан апам менен карындашымды ээрчитип төрөтканага жөнөдүм. Биз келгенде Айзада кечээгиден тыңый түшүптүр.

- Белиңди таң, оозуңду жап балам, тиштериң күбүлүп, ооруп калат, - деп апам Айзаданы аяп жатты. Эртеси Айзаданы чыгарып келдик. Апамдын көзүнчө баламды ала койдум. Акырын көз кырымды салып: "Кимге окшош болоор экен" деп ойлоп коем. Атам да келди ошол күнү. Уулумдун кулагына азан айтып, атын Эрнис деп койдук. Үч күн туруп баары кетти. Мен баламды алып эркимче эркелетип отурдум. Жакшыраак тыңысын деп Айзаданы тургузбай, баарын өзүм жасап жаттым. Жалаяк жууйм, үтүктөйм, кечке чейин убарамын. Айзада унчукпай жатты да, анан уулумду эркелетип жатканымды көрүп:

- Жоодар, эркектин эркектей эле болгону жакшы, ошолорду тим эле койчу, апам көрүп калса дагы эмне дейт? - деди ордунан тура.

- Эмне болмок эле, сени жакшыраак тыңып алсын деп жатпайынбы? - мен аны жубата айттым. - Апам эчтеке дебейт, анын мүнөзүн билип эле калдың го, кайненедей болуп бирдеме деп жатабы?

- Ошого жеткирбесем экен, Жоодар, өмүрүм өткөнчө кайненем менен өз энемдей болсом дейм да?

Ойлонуп калдым, аялымдын адамгерчилик сапатын байкасам абдан жогору экен. "Ушундай аялга туш кылган кудайга ыраазымын. Алина кандай келин болду экен, балким ал деле ушундай келин болгондур, күйөөсүчү?" ушуларды ойлоп жибердим. Кандай кубанычтуу же капалуу мүнөттөрүм болбосун, мен аны көп ойлойм, ал менин жашоомдо каным менен кошо агып жүргөндөй, кылт этип эсиме түшөт да турат, аны Айзадага билгизбейм, алтындай болгон аялымдын жүрөгүн оорутуп алуудан корком. Көңүл калуу өтө жаман экенин жакшы билем, ошондуктан ортодогу ысык мамилебизди суутуп албайын деп, аяр мамиле кылам. Уулубуз тороло баштаганда окуу башталып, Айзада окуусун сырттан окууга которулуп алды. Мен окуп, кайра түнкүсүн бир жумуш таап алдым. Антпесек кыйналып кетчүдөйбүз. Билинбей жылдар өтүп, мен да окуумду бүтүп, атамдардын киришүүсү менен кызматка ээ болдум. Айзадам мени кубантып дагы бир уул төрөп берген. Диплом алган менен иштебей үйдө болуп калды. Мен ага:

- Айзада, окууну окуп алып иштебей үйдө отуруп калганыңа өкүнбөйсүңбү, балдарды атамдарга бактырып коелу, иштесең иште, - дедим.

- Жоодар, эмнеге өкүнөм, бала төрөп, эне болуп, аларды тарбиялап өстүрүү үчүн эненин жоопкерчилиги өтө чоң, ушулардын ырахатынан, анан сенин мага деген жакшы мамилеңден да жумушту өйдө койбой калайын, ишенсең мен бактылуумун! - деди ал мага баягы Алинадан калып ызалуу турганымдагыдай жадыраган маанай, жарашыктуу жылмаюусу менен. Бирок ал сенин жакшы мамилең дегени менен "мага деген сүйүүң" деп айта албады. Ооба, ортобузда жалындаган сүйүү болбосо да, бири-бирибизди аяп жашап келатабыз. Баарын түшүнүп, билип турсак да үндөбөй түшүнүшөбүз. Эки уулум томпоңдоп, биринин артынан бири чоңоюп баратат. Айзаданын тазалыгы, айрыкча жумуштан келсем, үй мизилдеп жыйналуу, кандай убак болбосун жуулбай туруп калган идиш болбойт, баары таза. Өзүн да жакшы карап, тез-тез жыпар жыттуу самындар менен жуунуп жаныма келгенде көңүлүмдү көтөрүп, делөөрүтүп жиберет. Кандай айтсам да, Айзадам жандан башкача асылзаада аял.

Бара-бара жашоонун кадимкидей нугуна түшүп, үйлүү да болдук. Ошондогу Айзадамдын кубанганы көз алдымда кино тасмасындай эле тартылып, көз алдыман кетпей калды:

- Жакшы болбодубу, балдарым менен бирөөнүн тар үйүндө тыгылбай, анын үстүнө эмне буюм болсо да өз үйүбүзгө топтойбуз, - деп мени кучактап алып жадырап-жайнаганы түк да жадымдан чыкпайт. Улуу уулум Эрнис окуп калган, бир күнү жумуштан келсем алдыма тамак-ашын жайып коюп, жаныма отуруп, балдарга үйрүлүп түшүп, тамагын жедирип жатты.

- Ой, тим эле гой, чоңоюп калышпадыбы, өздөрү ичет керек болсо, алдагынте берсең эркелей берет да, андан көрө ысыгында өзүң тамактанып ал, - деп мен анын өзүнө боорум ооруй карадым.

- Ушулардын тойгону менин тойгонум, булардан мурун тамагыман өтпөй калсын, - деди мага жайдары карап. - Жоодар, чынында ушу балдар экөөбүздү бактылуу кылган, - деди да, бир азга ойлоно калып, - Баса Алинаны көрдүм, ал экөөбүздүн үйлөнгөнүбүздү угуптур, аябай сүйүнгөнүн айтат, - деп ойлуу тунара калды.

- Анан? - дедим мен Алина жөнүндө угууну каалап турганымды билдиргендей.

- Ал да эки балалуу болгон экен, бирок, Асек жол кырсыгынан каза болуп калыптыр, эки жыл мурун.

- Ка-ап, жаман болгон тура, - деп койдум кайдыгер адамдай өңдөнүп.

- Жаман болуптур, азыр шаарда турат экен, үйүнө чакырды, мен шашып жүрөт элем деп койдум.

- Барып келсең болмок, экөөң аябай ынак курбу эмес белеңер? - дедим мен ага сыр билгизбей.

- Жөн эле бара бермек белем, Жоодар, анын үйүнө куру кол кантип бармак элем, сен экөөбүз бирге барып куран окутуп койбосок болбойт го? - Мени карады.

- Чын эле… - дегеним менен ошо кездеги менин оюмда: "Менин жүрөгүмдүн теңин алып кетип, бакыт табам деген эле, кана тапканы, Алинаны да бактысыз кылып таштаган тура" - деп ичим тызылдап турса да, сыртыма чыгарбадым.

Айткандай эле Айзада үч күндөн кийин камынып коюптур. Дареги боюнча тез эле таап алдык. Алина мени кошо келет деп күтпөсө керек, негедир чай куюп, сүйлөп жатып, колдору калтырагандай болуп турду. Айзада экөө аркы-беркини сүйлөшүп жатышты. Мен үндөбөй менин балам менен анын баласынын оюнун карамыш этип отуруп, Алинаны уурдана карап коем. Чынында ал сымбаты келишкен, токтоо аял болуптур. Чырайына чыгып, толуп да калган экен. Көзүмө бир башкача көрүндү. Ушунча жыл өзүмдү-өзүм алдап, Айзаданы сулуу деп жүрсөм азыр Алинанын жанында мындай эле көп аялдын бири катары көрүнүп кетти. Экөө көпкө отурушту, качан Айзада ордунан туруп, шашыла:

- Ой, Алина, биз кетели, балам мектептен келээр учуру болуп калды, келсе таппай ыйлап жүрбөсүн, - дегенде гана мен дагы ордумдан туруп, төрт жаштагы уулумду жетелеп, анын соңунан түштүм. Эх, аттиң дүйнө, эгер азыр колумдан келсе, Алинанын жанында калсам кана. Бир капталым эңшериле, кымбат буюмум кала бергендей зорго кетип баратам. Айзада эч нерсе билбегендей зымпыят тим эле, оюнда эмне бар экенин билбейм, үйгө келгиче сүйлөшкөн жокпуз. Уулум окуудан келип, эки жакты элеңдеп карап турган экен. Бизди көрүп эле кубанып кетти.

- Каякка кетип калдыңар, коркуп кеттим.

- Эмнеге коркосуң, балам, биз бир айылга барып келдик, сени ойлоп тез келбедикпи. Айзада уулун эңкейип өөп койду. - Сен чоң жигит болуп калбадыңбы?

Үйгө кирдик, бапырап өзүбүзчө эле бактылуу отуруп, кечки тамагыбызды ичтик. Балдарды жаткырып коюп жаныма жаткан Айзада негедир күндөгүдөн башкача эркелей мойнуман бекем кучактап алды:

- Жоодар, Алина сени дагы эле сүйөт экен…

- Кантип билдиң? - Мен таңгала башымды көтөрө калып, аны карадым.

- Ушинтип эле… - бетимен өөп койду, байкуш сүйлөп жатып, улам өзүнүн алдастап жатканын туйдуруп койду, ойлору будуң-чаң.

- Тим эле көзүң ачыктан бетер божомолдоп сүйлөй бересиң да, эми анын сүйүүсүнүн кереги эмне, сен турбайсыңбы, балдарым турат, - Мен чалкаман түшүп жатып алдым.

- Мен адамдын ички сырын айттырбай эле жүзүнөн билем, менимче, сен дале Алинаны унуталбай жүрөсүң же эмне жалганбы? - Ал мен чалкаман түшүп жатып алганымдан улам колумду жазып, жазданып жатты да, - Алинага абдан суктанып калдым, өзү башка жакта жүрсө да, бирөөнүн жүрөгүндө жашап жүргөнүнө, кандай гана бактылуу? - деп оор улутунуп алды.

- Айзада, антпечи, алтыным, мен азыр эки уулум менен сен үчүн гана жашайм, билсең. Ал эми тээ качан болуп өткөн бала кездеги, токтоло электеги окуя да. Андан көрө сен минтип ойлой берсең экинчи Алина менен катышпай эле коелучу?

- Мен кызганып жаткан жокмун, Жоодар, суктанып жатам, кандай гана аялзаты ушундай сүйүүгө татыктуу болот болду экен дейм да. Алина ого бетер сулуу келин болуптур, баласы өзүнө окшош экен, ээ?

- Ии, - деп койдум көңүлкош.

- Мен сага гана ишенип, мени сүйбөсөң да сыйлаганыңа сүйүнүп жашап жүрбөйүнбү. Мен деле бирөөнүн, болгондо да өмүрлүк жарымдын жүрөгүндө жашагым келет, бирок андай болбойт го, кокус көзүм бурулуп кетсе унутта калып калам го?

- Эмнеге антип жатасың? Кой уктайлы, эртең жумушка барыш керек, тим койсо түнү менен сүйлөчүдөйсүң. - Мен аны бекем кучактап, кулагынын түбүнөн өөп коюп жатып калдым, оюмдун баары Алинада: "Эмне кылып жаттың экен, мени дале сүйөөрүң чын болсо өткөнгө өкүнүп жаткандырсың, өкүнгөндө не пайда, менин мончоктой балдарым, мээримин төгүп турган камкор аялым бар. Кантмек элек, тагдырыбызга баш ийбесек болбойт да, асылым ай, неге экөөбүздү кошподу экен кудайым" деп ойлоп жатып уктап кеттим. Эртеси күндөгүдөй эле жумушума жөнөтөөрдө Айзада:

- Муздак ичпей жүрсөң, ооруп каласың, акчаңды аябай түштө ысык тамак ичип ал! - деп жөнөттү.

- Жок, муздак эмне ичмек элем, көп эле мен үчүн кыжаалат боло бербечи, - дедим да чыгып кеттим. Ошондон баштап үйгө кайткан учурда Алинанын үйү тарапка баргым келип, өзүмдү зорго кармап үйгө келем. Соонун оорусу болдум. Эси-көөнүмдөн Алинанын элеси кетпей: "Жок дегенде ал дагы мени ойлойбу, ойлобойбу билгим келип турат. Барсам эмне болот эле, кайра эле келем да" деп кыйналчу болдум. Бир күнү бутум үйдү көздөй эмес Алинанын үйүн көздөй тартып баратканын сезбей да калдым. Келип эле каалгасын такылдатсам үйдө экен.

- Ким? - деди назик гана үн. Жүрөгүм дүк-дүк этип баягы алгачкы жолугушкандагыдай сезим пайда болуп, токтоо үн катканым менен үнүм дирилдеп турду:

- Мен… Мен эле, Алина, Жоодармын! - Каалга шарт ачылды. Мени кубанып эмес муңайым карап турган Алинаны көрүп эле боюмду калтырак басып, аны кучактай калдым.

- Жоодар, бул эмне кылганың, Айзада билсе эмне дейт, аны аясаң боло? - дегенине карабай көпкө сагынычымды тараткым келип тура бердим. Бир кезде бизди элейе карап турган баласын көрө коюп, колдорумду бошотоюн десем, Алина дагы менден бетер бекем кучактап солкулдап ыйлап жатыптыр. Ошол кезде анын саамайларын сылай жүзүнөн сүйдүм да, так көтөрүп диванга отургуздум. Көздөрүнүн жашын аарчыган Алина бир азга отурду да:

- Жоодар, болду мага келбей жүр, Айзада жакшы аял, ал экөөбүздүн ортобузга жарака кетирбе, балдарыңдын апасы, ак никелүү аялыңдын кадыр-баркын биле жүр! - дебеспи. Ой, чиркин ай! Ушунчалык бактылуу кылгысы келсе жараткан өз жүрөгүм каалаганга кошуп койсо эмне! Карасаң бул да акылдуу аял болгон тура, ушунча болуп эки асылзаада аялдын ортосунда эзилгенче бул жарыктыгыңды деле алсаң болмок деп, жүрөгүм ийне менен сайылгандай тыз-тыз этип жан кейитип жатты.

- Алина, ошондо неге ачык айтып койбодуң, бир айласын табат элек да? - Мен бир топтон кийин жүрөк өйүткөн суроомду жөнөттүм.

- Кызык, сага айтканда болбойт эле, ала качып алмаксың, ал эми ата-энем болсо топурагымды түйүп берем деп кайра-кайра кат жөнөтүп жатса айлам канча. Кокус ала качып алсаң, алар күчкө салып алып кетсечи?

- Алтыным десе, сагындым сени, сен деп дем алып, сен деп жашап келдим. Бирок Айзада асыл аял, билип турса да билмексен болот, ушунчалык акылдуу аял… - Мен андан ары эмне дээримди билбей отуруп калдым.

- Чай ич, анан тезирээк үйбүлөңдүн кашына бар, күтүп калышпасын. - Алина туруп барып чайын көтөрүп келип, чыныны сунду.

- Чайыңды кой, бир-эки мүнөт жанымда отурчу, соолуп бараткан дарактын түбүнө суу келген өңдөнө түшүп, бүчүр байлагандай мен да сенден кубат алып, ичтеги бугумду чыгарып кетейин…

- Койсоңчу Жоодар, бул сөздөр жаштардын ортосунда айтылчу сөздөр эмеспи, биз эбак эле отуздан ооп кетпедикпи, эми биз балдарга тарбия беришибиз керек.

Кетким жок, Алина болбой жатып үйдөн узатып койду. Чыгаарда бекем кучактап мойнунан, көкүрөгүнөн, чачынан шор-шор жыттап алып, чыгып кеттим. Үйгө келсем Айзада тамагын эбак даярдап, мени күтүп отуруптур. Адатынча менин камымды көрүп, жылуу суу даярдап, колумду жуудурду. Андан соң дасторконго отурдук. Эки уулум өздөрүнчө ойноп жатат. Күнүмдүк тиричиликтер жөнүндө сүйлөшүп отурсак Айзада минтип калды.

- Жоодар, менин эки күндөн бери алым кетип, башым айланып жатат, эртең доктурга көрүнүп келсемби?

- Боюңа болуп калса керек да? - Мен дароо аны жубатып, чын дилимден оюмду айттым.

- Жо-ок, боюмда болсо өзүм деле билмекмин да, эртең көрүнүп келейин.

- Мейли, өзүң билчи, жөн эле ошентип жаткандырсың, оорубай кал, жаным, анын бетин ары кылсын, эмнеси болсо да текшерилип кой! - дедим анын жүзүнөн кабатырланганын сезип.

Эртеси дагы Алинага кайрылдым, ал эшигин ачты да, үйүнө киргизбей койду:

- Үйбүлөңө бар, экөөбүздүн жолдорубуз бирикпей калган, биздин сүйүү ушул бойдон таза, аруу бойдон калсын, бар! - деди да, эшигин жаап, калдыратып кулпулап жатты. Мен ага таарынбадым, "Ырас айтат, биздин сүйүү таза бойдон дилибизде, жүрөгүбүздө сакталсын" деп ыргылжың болуп үйгө келдим. Келсем балдар ойноп сыртта жүрүптүр.

- Апаң үйдөбү? - дедим көпчүлүк эркектер сыяктуу эле балдардан сурап. Анткени атам качан, кайдан келсе да: "Апаң үйдөбү?" деп анан үйгө кирчү эле.

- Ооба, апам үйдө, - деп оюнга алаксып жаткан балдар андан ары оюнун улантты. Мен үйгө кирсем Айзада тамак жасап жатыптыр. Аны бир карап алдым да, үйгө кирип кеттим. Анткени эмелеги Алинанын айткан сөздөрү кулагыма кайра-кайра угулуп, элеси көз алдымда муңайып туруп алды. Кийимимди алмаштырып чыктым да:

- Доктурга бардыңбы? - дедим.

- Ооба… - Ишине алаксып жооп берди Айзада ушул саам токтоо. - Мени каның аз, дарыланышың керек, болбосо каның ак канга айланып кетет дейт, - деди.

- Этият кыл, дарылан, - дедим мен андан чындап эле кабатырлана.

Айзада сырттан укол алды, дары ичти, бүбү-бакшыларга да көрүндү, эч айла болбоду. Акыры төшөк тартып жатып калды, өңү купкуу. Мен балдар менен жүдөй баштадым. Тамак жасамай, кир жуумай, баланы мектепке жөнөтмөй, жумушка кечигип барып калчу болдум. Айзаданын ооруп жатканын айтып, апамды чакырттым. Апам угары менен жетип келиптир. Жылуулап, тамак-аш берип, балдарымды караганга оңуп калдым. Акыры бир күнү кеңешип, Айзаданы ооруканага алып бардык, шалпайып жаактары оркоюп арыктап кетти. Ал ооруканада жатканда Алинага баралбай калдым. Ал Айзаданын ооруп жатканын укпаса керек, болбосо жетип келет беле деп ойлоп койдум. Оору менен алпурушуп, айыгып, кетээр деген үмүт менен дагы үч ай карадык. Эми Айзададан түңүлүп эле калдым. Ата-энеси да келип ушу жерде. Акыры каны азайгандан азайып, ак кан оорусуна чалдыгып, чырактай балдарын, мени таштап кете берди. Мага анын өлүмү абдан катуу тийди. Көпкө чейин өзүмө келе албай жүрдүм. Кантсе да кыз алган жарым эмес беле, балдарымды апам бөпөлөп карап, багып жатса да, анын орду жоктолуп турду. Аябай чөгүп отурсам, бир күнү эки-үч келин менен кошо Алина келиптир. Апам аларга дасторкон жайып чай койду. Куран окутуп, көңүл айтып кетишти. Чынын айтсам Алина тим эле шолоктоп ыйлайт. Кечээ жакында угуп алып келген экен. Экөөбүздүн көз караштарыбыз чагылыша калганда негедир андан көзүмдү ала качам.

Убакыт өтүп, кыш түштү. Айзаданы эстесем ичим ачышат: "Жоодар, мен да бирөөнүн жүрөгүндө калгым келет, өзү сүйүп, сүйдүрүп өткөн кандай бакыт" деп айтканын эстеп көзүмө жаш алдым: "Сен менин жүрөгүмдө жашайсың, Айзада, асылым, сүйбөгөн менен сени өмүрлүк жар кылып түбөлүккө жашап өтөм деп алгамын, жаткан жериң жайлуу болсун" деп күбүрөнүп алдым. Жумуштан чыгып, чоң жолдун жээги менен келатам: "Алинага бара кетсемби" деп ойлоп: "Кой алган жарым кечээ эле өлүп жатса, мен катын уулаганым болбос" деп илкий басып, аялдамадан маршруткага түшүп, үйгө келдим. Апам балдар менен алаксып отуруптур. Мени көргөн балдарым жүгүрүп келип, кучактап калышты. Эмлис мени көрсө эле: "Апам качан келет?" деп сурай берчү. Улуусу экинчи класста окуп калганга бир нерсени сезгендей унчукпайт. Ал эми, төрт жашар балам үйдө болдум дегиче кайра-кайра апасын сурай берип, жүрөк оорутат. Анткени ага: "Апаң доктурда, айыкканда келет" деп койгон болчубуз. Ошондон баштап сураганы сураган. Бүгүн дагы сураганынан:

- Уулум, ал тээ алыска-алыска учуп кетиптир, эми жазда келет, кар кеткенде келет, - дедим жерден так көтөрүп ала коюп.

- Мени ала кетпейт беле, мен аны сагынып жатса… - деп кужураганда апам:

- Ок, антип айтчу эмес, сени аякка алып баралбайт, экинчи антип… - ыйлап жиберди. Сай сөөгүм сыздаганын айтпа. Апам ары басып кетти. Менин кейигенимди көрүп, чыдай албады көрүнөт. Эптеп ичимен түтөп турсам да, уулумду сооротуп, үйгө алып кирдим. Көз жашымды жүз аарчы менен аарчып карасам, чоң уулум мени карап ыйлап туруптур.

- Ой, сага эмне болду, бөбөгүңдү сооротуп ойноткондун ордуна ыйлаганың болбойт да, сен чоң жигит болуп калбадыңбы? - десем ал да мурдун шор тартып:

- Мен дагы апамды сагындым, - дегенде оозума сөз кирбей, туруп калдым. Аңгыча апам кирип келип:

- Эрнис, келчи балам, экөөбүз муну үйгө алып кирели. Сен мага жардам бер! - деп чакырып калды. Бул анын атайы алаксыткысы келгени жаткан амалы экенин дароо сездим. Эрнис чоң энесине барып, бирдемени кармашып калды. Мен Эмлисти жөнөттүм:

- Бар, барып чоң энеңе жардам бергилечи, мага тамак берсин, мен жумуштан чарчап келбедимби? - десем томпоңдоп ордунан тура жөнөдү. Жеңилдей түштүм, экөөнүн алаксып кеткенине. Апам дасторкон жайып тамактарын алып келип, улам өйдө туруп, кайра отуруп жатып: "Ээ кокуй бутум, о кокуй белим" деп жатканын көрүп жүрөгүм кайра зыркырады. "Байкуш апам, алтымыштан ашып калса да, менин түйшүгүмдү тартып кыйналды" деп аяп кеттим.

Билинбей жыл айланып, Айзаданын ашын бердик. Атам менен апам:

- Балам, эми үйлөн, карыганда тынчыраак, көңүлүм тынып отурайын, эми өзүбүз караштыралыбы? - дегенде мен каршы болдум.

- Жок, ата, быйыл үйлөнө албайм, балдар кичине чоңойсун, өзүн-өзү коргой турган болгондо үйлөнөм! - деп так кесер сүйлөп койдум эле, экөө тең унчукпай калды. Ошентип жалгыздыктын кучагында калдым. Жумушка кетем, келсем үй аңылдап, мени суз тосуп алат. Баягыдай дасторконун жазып, жадырай тосуп алчу Айзадам жок! Балдарды, кыйналасың деп, апам алып кеткен. Эрнис каникулда…

Жалгыздыктан тажай баштадым. Тирүүнүн оокаты улана берет экен, айрыкча аялды эңсей баштадым: "Кой, Алинага бүгүн бир кайрыла кетейин" деп ойлоп анын үйүнө барсам эшиги бек. Жок дегенде баарлашып кайтаармын деп ойлогон оюм таш каап, эми кайрылып артыма бурула бергенимде коңшусунун эшиги ачылып калды. Карай салсам бир адам чыгып келатыптыр.

- Сиз билбейсизби, бул үйдөгү келиндин кайда кеткенин? - деп сурадым эле, ал кичипейилдик менен жооп берди.

- Аа-а ал келин эки-үч күндөн бери көрүнбөйт, бир жакка кеткен өңдөнөт.

- Кечиресиз! - дедим да, тепкич менен ылдый көздөй тез түшүп кеттим. Үйгө баргым келбеди. Экөөбүз бирге баскан сейил бакта басып жүрөм. Эки-экиден болуп колтукташып, кол кармашып бараткан жаштарды көрүп кайрадан сени эстейм: "Алина, ушинтип мен да жалгыз калдым, сен дагы, экөөбүз эки суунун жээгинде бири-бирине кошула албаган жолдо өмүр бою ушинтип өтөбүзбү, жо-ок, мен эми сенден ажырабайм, мени кудай кечирсин, Айзаданын арбагы кечирсин, эми сөзсүз экөөбүз бирге болобуз!" деп орундуктан тура берип, үйдү көздөй чечкиндүү кадам таштап жөнөгөнүмдө, алды жагымдан бала жетелеген аял кетип бара жатканын көрдүм. Мен кайдыгер гана Айзаданын балдарды ушул сейил бакка ойнотуп келгенин эстедим. Ылдамдай кетип жатып:

- Акырын бир жериңди оорутуп аласың, - деген үндү угуп тык токтой калдым: "Бул Алина эмеспи, ал дагы бул жакта жүргөн го?" деп жете берип карасам ошо экен. Сүйүнүп кеттим:

- Алина, кандай акыбал? - Жанындагы беш-алты жашар баласына кол сундум.

- Ассалоому Алейкум!

Ал колун берип, жылмайып койду.

- Чоңойдуңбу?

- Ооба-а, - деп ойноок бала алдыга жүгүрүп кетти.

- Өзүң кандайсың, балдарың чоңоюп жүрөбү? - Алинаны жалт карадым.

- Жакшы эле, балдар чоң атасында, мен болсо… - Эмне деп айтаарымды билбей Алинанын колун кармадым. - Алина, кудай ушинтип экөөбүздү тең жесир кылып койду, экөөбүз кайрадан кошулуп албайлыбы?

- Эмне-е? - Алина менден мындайды күтпөсө керек чоочуй карады. - Жоодар, кичине ойлонуп сүйлөсөң боло. Ушу кантип болсун! - деп, кабагын түйө уулун колдон ала ылдамдай басты, мен да андан калбай баратып:

- Алина, баарын ойлондум, Айзаданын өлгөнүнө бир жыл бир ай болду, ошондон бери ойлонуп, чечип, бүгүн сага барсам үйүң бек экен. Үйгө баргым келбей экөөбүз жүргөн жерлерди кайрадан көрүп, жок дегенде сенин ошондогу шыңгыр, назик үнүңдү уккум келип биякка келгем. Бул бакта негедир бардык сыр катылып калгандай, качан келсем ошол күндөр көз алдыма тартылып, сени сагынганым жазылып калат, - дедим.

- Жоодар, экөөбүз кантип Айзаданын элесин унутабыз, мен андайга бара албайм!

- Анда сен күйөөгө тий, мен башкага үйлөнөм! - дедим шарт эле.

- Койсоңчу, андай болбойт, балдарым менен эми мен күйөөгө тийип эмне кылам?

- Болот! Анда сен мени сүйбөсөң керек, ээ? Болбосо мурун да айтпай таштап кеттиң, эми эмнеге болбосун, бирөө өлсө, бирөө күн көрөт дешет го улуулар, - деп анын алдын тостум. - Мен үчүн эч бир жүрөгүңдө орун жокпу?

- Жоодар!

- Айт ачыгын, чындыкты айтсаң азыр басып кетем, ансыз да ошондон бери бассам-турсам сенин элесиң менен жашап келгеним жетишээр. Көрсө, сен мени жөн эле алдап жүргөн турбайсыңбы?

- Жоодар дейм?!

- Эмне Жоодар, же мени жөн эле эрмектеп, сезимим менен ойноп жүрдүң беле? Мен болсо сага ишенип, ушунча жыл жүрөгүмө катылган сырымды Айзадага да билгизбей ичтен сызып жүрбөйүнбү.

- Кечирип койчу, Жоодар, мен деле сени ойлоп эзилип жүргөм, бирок жандай көргөн курбумдун өлгөнүн табалагандай болуп, сага тийип алсам эмне дешет? - Алина ыйлап, төшүмө башын жөлөдү.

- Эч нерсе дебейт, ар ким өзүнүн тагдырын өзү чечет, бирөө менен бирөөнүн кандай иши бар?

- Жоодар, өткөндөр үчүн кечирип кой, мени ата-энем өздөрү билип кудалап койгон экен, өзүм кетмек эмесмин, агам келип машина менен алып кетип калган. Өз эрким менен барбадым. Аны сүйбөдүм. Ал шаарда, мен ата-энесинин колунда болдум. Алып кетейин дегенинен такыр болбой жүрө бердим. Антип-минткиче эки балалуу болдук. Шаардан үй алдым кетели, өзүбүзчө жашайлы дегенинен көгөрүп болбой койгом, жинденип кетип баратып аварияга учурап, каза болуп калыптыр…

Үндөбөй калды. Мен да унчукпадым. Күүгүм каптаган айлананы прожектордун жарыгы жаркыратып, көчөдөгү бирин-серин өткөн элдер, жаштар экөөбүздү карап өтүп жатышты. Баласы үшүй баштады окшойт.

- Апа, үйгө кетпейлиби? - деп ыйлай баштаганда дагы экөөбүз кучакташып тура бердик. Көптөн берки көкүрөккө толгон ызам, кайгым бөксөрө түшкөндөй болду. Азатты экөөлөп жетелеп алып, көчө бойлоп кетип бараттык. Ушул учурда Айзаданы эстедим: "Байкушум десе, кең пейил элең, эми бизге ыраазы бол, тирүүлүктү улантууну жараткан бизге буйруса, колдон келишинче жашап өтөлү, сен өзүң айткандай түбөлүк менин жүрөгүмдөсүң", деп ойлонуп бараттым. Алина унчукпады. Мен да унчукпай баратып:

- Эми менин айтканымды терең ойлон, көңүлүңө туура келсе жок дебе, азыр үйгө бара берейин, эртең жумуштан кийин өтөм! - деп эки бетинен өөп, басып кеттим да, бир топ узап барып, кайрылып карасам ал дале ордунда турат. Кол булгап коюп, маршруткага түшүп, үйгө келдим. Келсем итим шыйпаңдап кардынын ачканын айткандай тили жогунан кыңшылап кирди. Үйдү ачып каткан нан таап, салып бердим да, үйдүн муздагынан улам чыйрыгып чыктым. Плитканы жагып, чай койдум, чай ичип алып, телевизор көргөнү төргө жатып алып : "Алина эмне деп чечээр экен, эгер ушул ирээт чындап макул болбосо такыр үйлөнбөйм, өмүр бою так өтөм, балдарым деги бар" деп ойлонуп жатып уктап кетиптирмин.

Эртең менен көңүлүм сергип ойгондум, кантсе да бир чечимге келип, өзүмдү эркин сезип жатканымдан болсо керек. Туруп бети-колумду жууп алып, жумушума жөнөдүм: "Бүгүн бир жообун угам" деп кечке ойлонуп жаттым. Жумуш убактысынын эртерээк эле бүтүшүн самайм. Андайда убакыт да жылбай калат экен, же кеч кирсечи. Чыдамсыздык менен күткөн убак келип, сааттын жебеси алтыны көрсөткөндө шашып кабинетимден чыктым да, Алинаны көздөй жөнөдүм. Жолдогу базарчиктен гүл, шоколад, бир жакшы вино алдым да, кирип бардым. Алина да күтүп жаткан экен, колумдагы гүлдү көрүп:

- Унута элексиңби? - деп кубана күлүп калды.

- Кантип унутам, жаным, саат-мүнөт сайын жүрөгүмдө жашаганыңды кантип айтып жеткирем? - деп гүлдү колуна карматтым.

- Рахмат, ушу бүгүн туулган күнүм экенин өзүм да унутуп калыпмын, - деп ыраазы боло гүлдү колуна алганда: "Кудай уруп, ушуну унутуптурмун" деп ойлоп алдым:

- Туулган күнүң менен! - деп бетинен өөп, жанында элейе мени карап турган Азатка шокаладды бердим.

- Рахмат, - Алина мени жетелеп ички үйүнө алып кирди. Стол үстүн жайнатып коюптур. Жайланышып отуруп, винодон аздан алып, сүйлөшүп отурдук. Анын бүгүнкү жайдары, ачык кабагынан жакшылыктын жышаанын көрдүм: "Демек, макул экен, мени сүйөт, ошон үчүн жакшы тосуп алды" деп толкунданып отурдум. Семиз эт менен булоолонто аш баскан экен, бир аздан кийин аны алып келди. Азат болсо ойноп жатып уктап калган. Алина аны төшөгүнө жаткырып коюп, жаныма келип отурду.

- Келчи, жаным, сен деп соккон жүрөгүмдүн кагышын тыңшачы, сени менен жолуга албай өтүп кетемби деп санаага батчу элем… - деп анын белинен имере кучактап өөп койдум эле, ал дагы мени өөп:

- Кечир мени, жүрөгүңө мени түнөтүп жүргөнүңдү билбей капа кылып ала жаздадым, - деп мойнума колун артканда жаштык кезим кайрылып келгендей элирип турдум. Чиркин десең сүйүүнүн бир башкача керемети бар го? Айзада менен төшөктө жатканымда деле мынчалык берилчү эмесмин. Кучактап жатсам да, коомай болуп турчу. Ал байкуш балким менден жалындаган сүйүүнү күткөндүр, эңсегенин ала албагандыр, ким билет, бирок мага сүйүктүү жар болуп өттү. "Кечир мени, Айзадам, кечир, сен өлбөсөң мен Алинага жетмек эмесмин. Сени менен жашап өтмөкмүн, бирок бири-бирибизди дал ушинтип эрите албай өтмөкпүз, асылзат аял элең, жаның жанатта болсун!" деп ойлодум. Ал күнү Алина менен бирге болдум. Өткөн-кеткенди сүйлөштүк, уйкубуз келсечи, жатып алып сагынычыбыз тараганча аймалаштык. Кайрадан жуунуп келип, столго отуруп чай ичип, таттуу винодон ичтик. Эртеси өзүмдү, ушундай бир бактылуу сезип, ишиме бардым. Көңүлүм куунак, сергек, кыңылдап ырдап коем, бул менин өмүрүмдөгү эңсеген бактыма жеткен күнүм эле. Ал күндү сөз менен айтып жеткире да, түгөтө да албасмын! Аттиң, бирок сүйүүмдү кош колдоп сунганыма жараша Алинанын анымды аздектеп өтө албас, жеңил ой экенин ошондо сезсем гана?!

Балакеттин баары мен үйлөнгөнгө камынып жатканда болду. Кайненем Айзададан кичүү, бир күйөөдөн чыккан балдызымды ээрчитип келип калды.

- Балдар кайда? - деди мага карап.

- Атамдарда, жумушта жүрүп, аларды карай албайт экенмин, ошоякта болуп турсун, - дедим.

- Ийи, анда эми аларды алып кел, балам, мен Нурзаданы атайы балдарды карасын деп алып келдим.

- Оой, апа, бекер эле убара болупсуз да, аларды атам менен апам бага берет. Нурзаданы дагы, жумушунан калтырып бекер кылыпсыз, - дедим мен кейий.

- Кайсы жумушу калмак эле, үйдө эле болчу, энесиз калган балдарга карасын дебедимби… - деп кайненем отуруп калды. Мен жумушка кеткенде алар үйдө калды. Ал күнү мен үйгө келбедим. Алинам менен болдум. Үч-төрт күн үйгө барбай калгам, атам жумушума келиптир.

- Эмне болду, ата, тынччылыкпы? - Ордуман тура калып учураштым да, отургучка отургуздум.

- Тынччылык эле, балам, эки күн мурун кудагый барыптыр айылга…

- Ийи?

- Балдарды Нурзада баксын, ылайыгы келсе эжесинин балдарын жетим кылбай Жоодарга үйлөнтүп койсоңор болот го деди.

- Койчу?!

- Койбой эле.

- Эмне дедиңер?

- Эчтеке, Жоодар өзү билсин, Нурзаданыбы, башканыбы кимди алаарын өзү чечет деди апаң.

- Туура кылыптыр, анан алар кетиштиби?

- Ооба, кайра келем дейт, Нурзаданы болсо сенин үйүңө таштап кетмек.

- Эмнеге?

- Эмнеге, эмнеге дейсиң да, сени ага үйлөнсүн дегени да?

- Оо-ошо кантип болсун, мен ага түшүндүрөм, - деп кыжаалат ойго батып иш ордуман турдум. -Жүрүңүз, ата, үйгө баралы.

- Мейли, барса баралы. - Атам ордунан туруп, алдыга жөнөдү. Атамдын карып калганын эми гана көргөндөй зээним кейиди: "Кандай гана кайраттуу, алдуу-күчтүү адам эле, эми минтип таяк таянып, зорго басып калыптыр", деп кабинетимди кулпулап, эшикке чыктык.

Ээрчишип үйгө келсек Нурзада үйдө экен, аны менен баш ийкешип учурашып ичкери кирдим. Артыбыздан кирген Нурзада:

- Жезде, балдарды качан алып келесиз? - деди мага суроолуу тигиле.

- Балдар азыр келбейт, Нурзада, андан көрө сен убара тартпай бара берсең болот, алар чоң ата, чоң энесине көнүп да калышты.

- Кудагыйды кыйнабай алып келе берсин, сен кара деп, апам мени болбой алып келбедиби?

- Апам кабатыр болбосун неберелеринен, алар кыйналбайт, Нурзада, сен жашсың, балдарды карайм деп кыйналасың, андан көрө иштеп, өзүңдү караганың туура болоор. - Мен ага так кесер кылып, бирок сылык-сыпаа түшүндүрмөк болгонумда ал башын ийкеди да, сыртка чыгып кетти. Нурзада деле Айзадага окшоп, жакшынакай эле кыз, бирок ага үйлөнүштү түк да ойлобоптурмун. Айзада экөөбүз баш кошкондо ал беш көкүл эселек кыз болчу. Мен үчүн дагы эле ошол кездеги мурду теңирекей кичине кыздай сезилет. Ал бизге чай кайнатып берип, тамак жасап, ал күнү үйдө болду. Эртеси бизден мурун туруп, кийим-кечесин алып, кетип калыптыр. Мен атам менен кеңешип, кийинки жумада аял алмак болдум. Атамдын колуна тойго жумшалчу акчаны берип, камына беришин айтып жөнөтүп ийдим. Эки күндөн кийин кайненем кайра келиптир. Экөөбүз бет маңдай отуруп көпкө сүйлөштүк. Ал ыйлады, кейиди, анан Айзадага багыштап куран окуп бүткөндөн кийин:

- Ээ балам, өз бала болуп калдың эле, ортодо балдар турат, биз менен катышыңды үзбө, эми качан үйлөнөйүн деп жатасың? - деп сурады.

- Апа, мен дагы силерге айтайын деген элем, жакында үйлөнсөмбү деп жатам, айла жок, жалгыз бойчулук жүдөтүп жиберди, балдарды го апам эч нерседен кейитпей бага берет экен…

- Кантейин, ушу сенин ыгыңа көнүп, окуусун окуп алып иштебей үйдө зымпыйып отурчу эле, таш боор кудайдын кылганы экен, - деди көзүнүн жашын аарчып алып. - Балам, мен деле сага жамандык кааламак белем, туура көрсөң Нурзадам Айзаданын ордун басып, эжесинин балдарына өз энедей болуп караса дедим эле. Башка бирөөнү алсаң, балдар жетимсиреп калбас бекен? - деди мени үмүттүү карап. Мен ууртап жаткан чайыма чакап кеттим, көпкө чейин өзүмө келе албай: "Кайненем жакшы аял деп жүрсө, бул деле анча-мынчаны түшүнбөгөн неме го, кантип эжесинин күйөөсүнө тиймек эле, ал турсун Алина деле: "Жакшы көргөн курбум эле, кантип анын өлүмүн табалагандай болуп сага тием" деп болбой жатып, зорго макулдатпадым беле, кой так кесер эле ачык айтайын" деп оозумдагы нанды ары кетирип, жай гана түшүндүрүүгө аракет кылдым.

- Анда сен бизден биротоло алыстайт турбайсыңбы, баланын бирин бизге бер, Айзадамдын өзүн көргөндөй болуп жүрөлү.

- Эки бала бири-биринен алыстап кетет го, чогуу чоңое берсин, көрүп турасыңар, келип-кетип дегендей…

- Ооба, - ал мени жактырбагандай түр менен башын ары бурду. - Алган аялың эле бизди жактырып, күтүп алмак беле, Айзадам бардагыдай кайдан болсун, - деп сүйлөнүп ордунан туруп, сыртка чыгып кеткенде жеңилдене түштүм. Кайра киреби десем кирбеди. Үйдө ар кайсыны ойлоп көпкө отуруп, анан эшикке чыксам жок, кетип калыптыр. "Ырас эле болду, бул адамдар өзү кызык, неге мынча түшүнүгү жок болушат, ушу кантип болсун, аялымдын сиңдисин "ал" дегенден уялбайбы десең", - деп өзүмдөн-өзүм кыжаалаттанып отуруп, анан Алинага жөнөдүм. Барсам ал конокко барчудай болуп жасанып алыптыр. Бир аз толуп калганы болбосо баягы эле студент кезиндегидей буралып, кийген кийими өзүнө жарашып калыптыр.

- Кайда жөнөдүң? - Мен кызганып кеттим.

- Бир жакка!

- Чын айтам, кайда барганы жаттың эле? - Жоошуй түшүп, аялдын кырк амалына салаар бекен же чындыгын айтабы деген ойдо сурадым эле ал кербездене мени карап, боюн түзөп:

- Жоодар, жарашат бекен? - деди күлмүңдөй.

- Сонун жарашат экен. - Көңүлсүз айттым, ичим туз куйгандай ачышып: "Менден мурун жөн жүрмөк беле, балким дагы бирөөсү бардыр, мен жолтоо болбой тим коеюн да, артынан ээрчийин" деген ойго келдим. - Тим эле кыз болуп калыпсың, сени экини төрөгөн келин деп эч ким айтпайт, кокус ала качып кетпесин! - Кызганып турганымды байкадыбы эч ой жок каткырып жиберди.

- Оой, Жоодар, сен кызганчаак окшойсуң, мындайыңды байкабаган экенмин! - деп ого бетер бырсылдап күлөт. Күлкүсүнүн укмушу ай, тим эле өзүнчө эле музыка. Тоо боорунан шылдырап аккан булактай туптунук, аба жарып, моокуму кангыча күлдү. Мен аны жөн гана мостое карап тура бердим эле, бир кезде күлкүсүн токтотуп, эки колун ийиниме коюп, оозумдан жумшак гана өөп койду да.

- Бүгүн ушуну алдым, сенин үйүңө барсам кийип барайын деп турам, ошол үчүн сенден жарашабы деп сурап жатпайынбы? - деп көздөрүн көзүмө кадады. - Сен такыр башкача ойлонуп ийдиң окшойт, жаман ойлонбой жүр, - деп мени колтуктай ашканага кирди. Чынында көп жүргөн аял болсо же бирөө менен байланышы болсо, түнкүсүн же күндүзү эшиги кагылып жок дегенде бирөө келмек. Адеген түндөрү ал койнумда жатканда кимдир бирөөнү күтүп жүрдүм: "Бул менин ойношум, сен кайдан чыга калдың" деп келеби деп. Андай болгон жок, отуруп-отуруп: "Эки жылдан бери бойдок болсо, соо жүрмөк беле" деп да ойлоп алам. Кызык, эми эстесем Айзаданы бир жолу да кызганып көрбөптүрмүн. Ашканадагы чакан столго отуруп, чай ичип жаттык. Ал ата-энемдин жообун сурады эле айттым.

- Алар эмне демек эле, балдарга, сага карамдуу болсо болду, биз барсак бир чыны чай ичебиз, барбасак жок, өзүң эле кыйналбасаң болду, - дешти.

- Жакшы экен, чынында оор милдет, сенин балдарың мага көнүп кете алабы же көнбөй кыйнайбы? - Алина ойлуу чынысын карап мелтирей түштү.

- Балдар азырынча ошол жакта эле болот, кийин алып келебиз. Азыр Азат мага көнсө болду.

- Ой, ал сага көнүп эле калды, аны ата дедиртиш керекпи же…

- Ананчы, ата дегени жакшы эмеспи.

- Ата-энең ата десе эмне дээр экен?

- Эч нерсе дешпейт, башкысы сен экөөбүз жакшы жашап кетсек, алар кубанып калат. - Көпкө отурдук. Азат сыртта ойноп жүргөн экен, күүгүмгө жакын үйгө кирди. Мени менен кол алышып учурашты да, апасы куюп берген тамагын ичип, төркү үйгө телевизор көргөнү кирип кетти. Биз сүйлөшүп отура бердик. Түн. Экөөбүздүн сөзүбүз бүтөөр эмес. Көрсө, абдан сагынышып калыптырбыз. Ушунча күндөн бери сүйлөшүп сөзгө, эркелетүүгө эч бир тойбодук. Мен кайненемдин кылыгын айтпадым. Акырын кучакташкан бойдон диванга куладык. Бат эле таң атып калгандай болду. Туруп, жуунуп: "Алина уктай берсин, ойготпой эле коеюн" деп кийинип, чыгып кеткени жатсам:

- Эмне болду, ит куугандай болбой бирдеме ичип ал, же офисиңде даярдап берчүң барбы? - деп айтканынан карасам ашканада жүрөт, мен турганда эле туруп, тамакты ысытып жатыптыр.

- Качан тургансың, сени ойготпой эле коеюн дегем, - Мен ашканага кирип, столго отурдум.

- Сенин кыймылың, дем алууң баары мен аркылуу, меники сен аркылуу болот мындан ары. Эч качан ойготпосоң да өзүм турам. Саргарып жүрүп жеткен бактымды кантип, наар сыздырбай ачка жөнөтмөк элем? - Алина жылмая астыма тамакты куюп коюп, маңдайыма отурду. - Ачка кетпеш керек, ооруп каласың. Тамагымды ичип жатып: "Ачка кетпей жүр, ысык-сууктан ооруп каласың, денсоолугуң айрыкча бизге керек" деп айткан Айзаданын сөзүн эстедим: "Байкуш, ал дагы өнтөлөп турчу эле". Мен үндөбөй кардымды кампайтып алып, Алинаны бетинен өөп, чыгып кеттим. Жумушумда кечке чейин Айзаданы ойлонуп жаттым. Анын жоодураган көздөрү жакшынакай эле. Менин жан дүйнөм жабыркап турганда, жанымды коерго жер таппай тыбырчылап Алина үчүн, анын мени алдап, айтпай күйөөгө тийип кеткенине жанчылып турганымда мага абдан жөлөк болбоду беле? Жаныма жан шерик болуп, мен үчүн баарына кайыл болбоду беле? Мен чынында акмакмын", деп ойлонуп жаттым: "Ошол адамдын мени алаксытканы демөөр болбоду беле?" Эзиле ойлонуп отуруп, башым ооруп чыкты. Ордумдан туруп, шефке кирип, жооп сурадым да, кетип калдым.

Күткөн күн келип, Алинаны баласы менен атамдарга алып бардым. Алар жетине албай абдан сүйүнүштү. Баягы мага көргөзгөн жарашыктуу көйнөгүн кийип, башына аппак жоолук салынып алган Алина келгендерге да жакты. Апам өзүнчө эле кубанып, Алинага мээримдүү карап, өз оюн айтып жатты:

- Садага болоюндар, бири-бириңди сыйлап жүргүлө, бактылуу болгула, аман жүргүлө, жамандын сөзүнөн, ою бузуктун арам оюнан сактасын.

- Ооба, айланайындар, кудайдын көзү эле түз болсун, - деп атамдын жеңеси чоң апабыз да алкап батасын берди. Биз айылда эки күн туруп, үчүнчү күнү эле шаардагы үйгө келдик. Мен эми, бардык ишке, жашоого да көңүлдүү кирише баштадым. Алина абдан мээримдүү аял болду. Азыр менин ар бир мүнөтүм майрамдай сезилет мага. Айланам да кооз көрүнүп, жашоого жаңы келгендеймин. Өзүмдөн-өзүм толкунданып, көңүлүм көтөрүлүп, жумуштагылар менин бир башкача өзгөрүлүп кеткенимди айтып жүрүштү. Кээ-кээде гана Айзаданы эстеп коем: "Байкушум жапжаш бойдон өмүрдөн өтүп кеткениң жаман болду, же өзүңдү ашыкча сезип, атайы өзүңдү-өзүң кыйнап жүрүп оорудуң бекен. Неге жөн эле ажырашып кетпедик экен, тирүү жүрсөң, сен деле тагдырдын таттуу белеги болгон аппак сүйүүгө кабылат элең го. Ооба, сен мени сүйчүсүң, ошол үчүн ооруп калдың го" деп ойлонуп, аяп кетем.

Жашоомдун ар бир күнү майрамга айланганы, өзүмдү башкача сезип, Алина экөөбүз кээде кино театрларга барабыз. Тим эле жаңы үйлөнгөн жаштардай ысыкпыз. Бирок Алинанын үй кармашы Айзадага жетпейт экен. Көпчүлүк учурда ээрикчээл, эркелеп назданганды жакшы көрөт. Көздөрүн кылгыртып, мен үйгө келээрим менен эле моюнума колун артып:

- Жоодар, эригип кеттим, бир жакка барып көңүл ачып келеличи, - дейт да турат.

- Макул, - дейм мен анын оозунан чыкканын аткарууга аракеттенип. Дароо кафеге же театрга жөнөйбүз.

Ошондой күндөрдүн биринде менин туулган күнүм болуп калды. Досторум, классташтарым куттуктап келип калышты. Алина ошол күнү ого бетер ажарына чыгып, өзүм алып берген кызыл баркыт халатты кийип алып, конокторду тейлеп жүрдү. Досторум аны көрө элек болчу. Тамашалап жатып калышты.

- Ой, Жоодар, деги аялдан жолдуу экенсиң, Айзада сулуу, акылдуу келин эле, эми мунуң андан кем эмес го?

- Кудайдын пешенеге жазганын көрөсүң да, дос, мага экөөнү тең кудай өзү берди да! - деп компоюп койдум. Андан ары бардык жакшы тилектер, менин атыма тосттор айтылып, бир аздан ичип отурдук. Камчыбек досум жылмая сүйлөп, өзү да кыз-келиндерди көргөндө жантыгынан жата калган неме эле. Анын эки көзү Алинада болуп жатты. Анысын байкап, ичимен кызганып, бирок сыр алдырбай отурдум. Алинам шаңкылдап сүйлөп, баарынын сөзүн кайтарып, өзүнүн кербези менен жооп берип жатты. Ансайын жүрөгүм ийне менен сайгандай тыз-тыз этип сайгылашып жатты. Өмүр кыска, жашоо кызык, бүгүнкүсүнөн эртеңкиси кызыктуудай көрүнөт. Аткан таңдан жакшылыктарды үмүт этип жашап өткөн адам баласынын өмүрүндөгү кайталангыс да, кайрып бергис да жакшы күндөрү ошентип байкалбай өтө берет экен.

Мен Алинага жеткениме өзүмдү чексиз бактылуу сезип, жер менен баспай, асманда калкып жүргөндөй сезилгеним менен сүйгөнүм, менин өмүрлүк жубайым ушунчалык жеңил ойлуу, өзүнүн сулуулугуна чиренген жан болуп чыгаары үч уктасам да түшүмө кирген эмес.

Той да бүттү, башта туулган күндөрдө, жакшы күндөрдө жолукчу достор негедир күн алыс менин мейманым болуп, эшигимде күндө пайда боло баштады. Анда дагы эч нерсени оюма албай күндө жумушума кетип, кеч келем. Жашоодо, тирүүлүктүн жакшынакай жакшы нерсеси жалгыз, мен үчүн берилгендей жумуштан чыгаарым менен үйдү көздөй шашам. Анткени мен деп, бүт өмүрүн арноочу адам, жалгыз мени күтүп тургандай сезилчү.

Ошол күнү да мен үйдү көздөй шашып келе жатам. Оюмда эч нерсе жок, бирок кечигип келе жатам.

Эшикти ача берсем эле Алина негедир шашкалактап, босогодон күтүп алды. Үйгө кирсем Камчыбек үйдө, төрүмдө отуруптур. Бир азга кызганганым менен досумдун көөнүнө кетпесин деп бапырап дасторконумду кенен жайып, баарын коюп, досумду коноктоп отурдум. Эч нерсе менен иши жоктой созулган Алинам үлпүлдөп, чайын куюп, сунуп отурса оюмда: "Менин ушундай сулуу аялым бар экенине ичи күйүп атса керек" деп өзүмчө жаман ойду жадымдан алыс түртүп жатпайынбы? Көрсө, көздөрү менен сүйлөшкөн Алинам менен досум Камчыбек алда качан эле бири-бирин түшүнүшүп алган тура. Мен аялым менен сыймыктанып жатсам, ал экөө менин байкуштугумду шылдыңдагандай унчукпай отуруп жеңишти. Бирок эми ойлосом менин адамдык абийиримди экөө көк майсаң чөптү тепсегендей эле тебелеп жатышыптыр! Ал күнү күлүп-жайнап досумду узатып койдум. Алина кебелип койбойт, досторумду мактап:

- Иий, жаным десе, жакшынын досу, жолдошу да жакшы, жаман киши дос күтпөйт, күтсө да кадырына жетпейт деген туура, экөөбүздү кошуп койгон жаратканга ыраазымын! - деп кучагымда туйлап, эркелеп жатты.

- Жаным, бүт өмүрүмдү арнасам да, сени муңайтпаганга сөз берем, а сен менин адамдык абийиримди жогору бааласаң болду - деп мен да ушул бактыма ыраазы болуп, колтугума бир кучак бакытты кучактап алгандай, ал өмүрүм өткүчө эч бөксөрбөөчүдөй мемиреп уйкуга кирдим. Арман ай, дал ошондо сезсем эмне, бактымдын баары Айзада менен жер алдына кетип, өмүр бою чындап эле Айзада деп жашап калаарымды. Сүйүү дейбиз, сулуунун сулуудай азабы, асылдыгы, ачуу-таттуусу болоорун ошондо сезсем кана?! Жүрөгүм каалаганга жетсем, телегейим тегиз болуп, бактылуу болом деп жүрбөйүнбү. Көрсө, сүйүү бул дүйнөдөгү татып өтчү бал татыган асыл кыял, жетпей калып аруу бойдон сакталчу, сактап алып, арман кылып келгенде гана аруу бойдон калчу нерсе тура! Жетпей жүрүп, жеткен сүйүүңдүн булганычын өз көзүң менен көрүп, жан сыздаткан, жүрөгүңдү түбөлүк ооруга чалдыктырчу сезимди, жүрөгүңө түнөткөн ыпластыктан көрө, сүйбөй да, сүйдүрбөй да өмүрдүн жаман-жакшысын татып, жашап өткөнүң оң экен.

Эч нерседен капарсыз жумушумду аткарып, алган айлыгымды Алинага толук алып келип берем. Анын эч нерседен кейибей дайыма жапжаш, сулуу бойдон жанымда жүрүүсү үчүн кам көрүп, сүйүүмдүн өчпөгөн сезимдеринен ар дайым гүлдөгөн гана багымда эс алып, көңүлүмдү курсант кылгым келчү. Андай болсо, мен өзүмдү өзүм ойлогондой дүйнөдөгү эң бактылуу жан катары сезип жашоомду өткөрмөкмүн!

Эки күн мурун шеф мени:

- Сенин дайыма шартыңа карап келатам, фирманын эң кадырлуу адиси болдуң, бир жумага командировкага барып кел, - деп калды.

- Макул, - деп мен шефтин сөзүн эки кылбай шар эле жөнөп кеттим. Кетип жатып, үйгө кайрылып, Алинага бир жумага кетип жатканымды айтып коштоштум. Ал мага:

- Жоодар, көп кечикпей келип кал, сенсиз менин бир мүнөтүм да супсак, жашоомду сенсиз элестете албайм, Азат экөөбүз сагынабыз го? - деп ыйламсырап узатты.

- Бир жума бат эле өтүп кетет, тез эле келем, - деп мен сагынып кетпес үчүн кайра-кайра бетинен өөп, шашып чыгып кеттим.

Ошентип жан дүйнөм тынч гана, үйдө мени саргара күтүп жаткан, аруу сүйүүм үчүн таза барып, так келүү үчүн командировкада жүрүп, көзүн сүзүп, бүт турпаты менен эркекти азгырган, ыплас жашоого түк жологон жокмун. Бир жуманын акыркы күнүндө, тагдырымдын мен үчүн даярдап турган белегинен капарым да болбой, бир күн мурун баса бердим. Балким бир күн кийин, өз учурунда келгенимде бул балакетти көзүм менен көрбөй, сүйүүм ошол аздек бойдон калаар беле…

Аттиң! Мен ошол күнү кара булут үстүмдөн таш жаадырып күтүп тураарын сезбей кирип келбедимби!

Үйгө ашыгып келсем эшик бек экен, такылдатсам көпкө ачылбады, мен таң калдым: "Бир жакка кетсе эшикти бекитип кетмек, буга эмне болду" деп ойлоп катуулатып эшикти кагып жатсам, ойноп жүргөн Азат жетип келди:

- Папа, сиз келип калдыңызбы? - деди мага ал.

- Ооба, келип калдым, уулум, апаң үйдө жок беле? - деп мен аны караганда ал:

- Апам үйдө, ал мени ойноп тур, өзүм чакырганда келесиң деген, - деп калды.

- Үйдө бирөө барбы?

- Ооба да, бир байке бар! - дегенде кулагым тунуп, көзүм караңгылап кетип, селдейе туруп калдым.

- Сиз эрте келип калдыңызбы, апам эртең келет дебеди беле? - Эч нерсе оюнда жок наристе менден ушуларды сураганда: "Демек бул башынан көнгөн экен да" деп баланы аяп карап турдум. Оюмду акырына чыгарбай Азат эшикти бытыйган колдору менен ургулап:

- Апа, ачпайсызбы, папам келди! - деп жатты. Үнсүз туруп калдым. Бирок дал ушул тушта менин эркектик намысым козголуп, өзүмдүн эмне кылып жатканымды билбей, бутум менен эшикти тепкилеп кирдим. Көптөн кийин Алина эшикти ачты. Көздөрүндө коркунуч сезими турганын сездим. Жин ургандай ички үйгө кирип бардым. Эч ким жок, бирок диванда эмеле бирөөлөр жаткан өңдүү, төшөктөр аркы-терки чачылган. Алинанын денеси титиреп, коркуп турса да:

- Жоодар, сага эмне болду? - дегенге зорго жарады.

- Ойношуңду кайда каттың? - Менин ачуум келгенинен эмне деп жатканымды билбей калдым.

- Кайдагы ойнош, жокту айтпачы, Жоодар, түнү менен тишим ооруп уктаган эмесмин, катуу уктап калыптырмын! - деп мени алаксытканга аракеттенди эле мен ага болбой эле ашканага жүгүрүп кирип, аш бычакты алып чыктым.

- Кана ойношуң?! - дедим колдорум калчылдап.

- Жоодар! - Алинанын көздөрү алайып, коркконунан бакырып жиберди. Ошол кезде веранданын бурчунда бекинип турган адамды байкаганымда дароо кармап итче мууздап салаарым бышык эле… Бир кезде сырткы эшиктин калдырап ачылып-жабылганын угуп: "Ким келе калды" деп чуркап чыксам, бирөө жүгүрүп, короодон чыгып кетти. Артынан аюдай айкырып чыгып, жетпей калдым. Кайра кирип, Азаттын апасын тосуп ыйлап турганын көрүп, өзүмдүн ачуумду зорго тыйдым. Колумдагы бычакка тигилген экөөнүн жүзү кубарып, бир балээнин болоорун күткөндөй мени тиктешет. Алинанын көз жашы жүзүнөн ылдый кулап, кадимки шүүдүрүмдүн тамчысындай мөлтүлдөп агып, жанынан түңүлгөндөй бүткөн бою диртилдеп турат. Колумдагы бычакты ыргытып жиберип, сыртты көздөй теңселе жөнөгөндө Алина жүгүрүп келип, бутума жыгылды.

- Жоодар, мени өлтүрүп, анан кет, менин эми тирүү жүргөнүм кайсы, кечирбейсиң билем, кечир деп суранбайм, өлтүрүп кет! - деп ботодой боздоп, эки бутумду бекем кучактап алганда жинимдин келгенинен бутумду катуу шилтегенимде ал ары барып түштү. Азат ыйлап келип мага:

- Папа, апама тийбеңизчи, кетпеңизчи, апамды ыйлатпачы, папа! - деп безилдеген наристенин күнөөсүз таза сезими, таптаза акактай дили менен ыйлаганы жүрөгүмдү жибитип, короодон чыкпай дөңгөчкө отуруп калдым. Жан дүйнөм үшүгөн жалбырактай бүрүшүп, дилимде бороон улуп, мезгилсиз ак жайдын күнү ачык асманда кара булут каптап, заматта нөшөрдөгөн жамгыр суусуна алсыз жүрөгүм ушаланган ак барактай ара жолдо эзилип жатты. Ошол учурда жалгыз болгум келди, эркек болсом да башынан аялдар менен көңүл ачып, ала жипти аттап көрбөгөн жаным көпкө отуруп, үйдөн чыгып кеттим. Жол боюндагы павильондон стаканга толо арак куйдуруп ичтим да, баягы аппак сезимдер, ак сүйүүлөр байырлаган сейил бакка келдим. Аттиң, адамдык аруулук деген эмне өзү, дүйнөнүн өзү булганычпы же адамдар жалаң жүзү каралык менен дүйнөнү булгап жатабы? Бул суроомо өзүм жооп таба албай ары-бери басып жүрдүм. Адамдар эч нерсе болбогондой бирде күлүп, бирде жай калкып капарсыз сейилдеп жүрүшөт. Менин жүрөгүмдүн үшүгөнү менен эч кимдин иши да жок, эки жаш бакыттын кучагында. Тагдыр жолунда эмне күтүп турганын сезбей жайбаракат бир нерселерди сүйлөшүп кетип баратат.

Оо, чиркин өмүр, кайран жаштык, табышмак жашоо, мен дайыма акактай сүйүүмдү ушул бактан издеп, ошол сүйүүмө жетсем эле, баары ойдогудай болчудай сезчү эмес белем, эмичи, көзүмө көрүнгөндүн баары жексур, дүйнөнүн сулуулугу бир тең, сазга баткан ыпластыктан тазалана албай туш келди басып жүрө бердим. Бир кезде, дагы бир камоктон бир стакан арак куйдуруп ичтим да, сейил бакта күүгүм кирип, каш карайгыча жүрдүм: "Кайда барам, өз сүйүүм өзүмдү жатыркатып жатса, менин андан күткөнүм ушул беле?" дейм өзүмө-өзүм.

Дал ушул мүнөттө эсиме Айзада түштү, аны эстеп жүрөгүм ыйлап жатты, көрсө, өзүң сүйгөндү эмес, өзүңдү сүйгөнгө үйлөнгөн зор бакыт тура! Адам баласы билбестик кылып, көп жаңылат экенбиз да: "Бул да болсо, мени тагдырымдын сынагыдыр, көтөрүмүм жок чабал эркек окшойм, болсо болгондур, эмне болуптур, Сулуу, жаш болсо, кимдер көз агытпайт, мындан көрө өз жайына коюп, өз жашоомду кылдырата берейин, эрегишсем бирибиз өлөбүз, жок мен эмес, аны өлтүрүп коюшум мүмкүн" деп илкий басып үйгө келдим. Түн бир оокумда шырп алдырбай, верандага кирип, кроватка жатып алдым да, эртеси таң эрте жумушума кетип калдым. Ар нерсеге алаксып, болгон ишти унутууга аракеттенип жаттым. Бирок кечинде келсем үйдө эч ким жок: "Жоодар, мени кечир, сенин сүйүүңө татыктуу эмес экенмин" деген кыска сөз жазылган ак баракты колума уучтаган бойдон селейдим…

Ушуларды досу Эгембердиге айтып, отуруп оор күрсүнүп алды.

- Ээ досум, сага кыйын болгон экен, эчтеке эмес, эми мындан аркы жашооңду ойлон. Андан көрө мен сага бир келин таап берем, ал абдан жакшы келин, жоош-момун неме, күйөөсүнөн ажырашып келген, бир баласы бар.

- Ой, койсоңчу, Эгемберди, аялдан көңүл калды. Күйөөдөн чыккан неме болсо, бир мандеми бардыр да? - Жоодар моюн толгой ары карады. - Бойдок эле жүргөнүм жакшы, Айзада өлгөндө менин бардык бактым кошо өлгөн, балдарыма жакшы ата болсом болду…

- Ошо кантип болсун, аяшыңа сени ээрчитип барсам, заматта сени арбап салат, үйлөнбөйм дегениңди көрөм. - Эгемберди досун жонго таптай күлүп калды. Экөө көпкө чейин ары-бери басып жүрүшүп, кечке маал гана Жоодардын үйүнө келип жатып калышты.

Эгемберди Элмиранын бир тууган агасы эле, Жоодар экөө бир айылда, бир мектепте окуп, ата-энелери катышып жүргөн ынтымактуу үйбүлөдөн болчу. Аркы-беркини айтып жатып, Жоодарды айылга барууга көндүрдү Эгемберди. Эртеси экөө жолго чыгып, адегенде Жоодардын үйүнө түшүштү. Атасы Артыкбай сексенге келип, карып калган, апасы Жамийла азырынча күүлүү-күчтүү эле.

- Келдиңби уулум? - деп утурлай тосуп алган апасын бекем кучактап өөп, учурашты.

- Аяш апа, кандай, күүлүү-күчтүүсүзбү, аяш атам жакшы жүрөбү? - Эгемберди Жоодардын артынан келип учурашып калды.

- Ии-ий садага, сен Эгембердисиңби? - Жамийла бетинен өөп койду. Жамгырбек менен Жумагүл жакшы жүрүшөбү, балам?

- Жакшы жүрүшөт, оо атам азыр кыргыйдай эле… - Эгемберди күлүп калды. - Бизге күч берип жаткан ошолор да.

- Ошентсин, уулум, биздин да карып бараткан кезибиз. - Жамийла үйгө киргиче сүйлөп баратты. - Мына бул досуңду эми үйлөн десең боло, карт бойдок болуп жүрө бербей аял алсын, балдары болсо чоңоюп калды.

- Ошол үчүн алып келдим да, аяш апа, бир жакшы келин бар, жакында ошого үйлөнтөм! - деп Жоодарга карап, көзүн кысып койду. - Буйруса жакшы келинге жолугасыз.

- Оозуңа май, садага, деги ушул айылданбы?

- Жок тиги өйдөңкү айылдан, сиз деле билесиз. - Аңгыча үйгө кирип келип, Артыкбай карыя менен учурашып орун алышты.

- Кана, айланайын балам, айтчы кимдин кызы экен? - деп Жамийла экөөнү жал-жал караганда Жоодар:

- Апа кызыксыз, мен азыр үйлөнбөйм деле, Эгемберди жөн эле айтып жатат, - деп Эгембердини түртүп койду. - Качан токтолосуң деги, бирдемени эле сүйлөй бересиңби?

- Чыппа-чын айтып жатам, сен макул болбосоң да алып келип коебуз, анан көрөбүз, - деп күлдү Эгемберди.

- Балам, үйлөнбөсөң болбойт, апаң экөөбүз дагы карып калдык, балдарың чоңоюп баратат, балдардын ичинен сен тынбай турасың, көзүбүздүн тирүүсүндө жакшы аялга туш болуп жашап кетсең, көөнүбүз тынып калат эле, - деди Артыкбай уулун карап.

- Анан эмне, сенин колоктоп бой жүргөнүңдү көрүп, санаабыз тынбай жатпайбы? - Жамийла кейий сүйлөдү. - Кана, Эгемберди, кимдин кызын айтып жатасың, биз дагы өзүбүз бирөөнү ылайыктап койдук эле.

- Өйдөңкү айылдан болот, азыр бу Айдараалы абаныкында жүрөт, Камалбүнү айтам, аяш апа.

- Ии-ий айланайын, менин айтканым да ошол келин, Калимандын сиңдилери болот экен, эже-жездеси менен макулдашып, ата-энесине да айттырып койгомун. - Жамийла кубанып кетти. - Абдан жакшы келин, бир баласы бар экен.

- Койчу, апа, азырынча кое турайын, дагы байкап көрөлү. - Жоодар нымтырай жер карады. Эч кимиси үн дебей алдыга келген чайларын ичкен болуп, көпкө отурушту. Эгемберди кетмек болуп Жоодарды карады.

- Качантан бери бара элексиң, үйгө жүрү, аяшың да мени күтүп жаткандыр.

- Барып кел, балам, аяш атаң менен аяш апаңа учурашып, эки жакты көрүп, канчадан бери айыл аралабай бук деле болгондурсуң. - Жамийла кошумча болуп, кубаттап калды эле, Жоодар жылмайып алды да, досун ээрчий жөнөдү. Алар айыл ичин аралап, Жамгырбектин үйүнө бармак болуп, көчө бойлоп баратып, балалык кезин эстеп, улам ар кайсы жакты көрсөтө, ойногон жерлерин карап кетип баратышты. Жамгырбектин үйүнө жете келишти.

Жамгырбектин уул-кыздары өз-өзүнчө орун таап, көңүлү жайланып, кемпири Жумагүл экөө бакубат жашоону баштан өткөрүп, бактылуу гана небере-чөбөрөлөрүн багып, урмат-сыйдын үстүндө. Куттубеги колунда, Элмирасынын гана убайымы экөөнү сары санаа кылчу. Ал күйөөсүнөн ажырап, үйүндө жүргөн. Эгемберди өзүнчө үй салып, бөлүнүп кеткен менен аралары жакын, эртели-кеч келип кемпир-чалдын ал абалын билип, жардамдашып турат. Эгембердинин аялы Дилбар абдан жакшы, Турсунканга караганда кичипейил.

- Ассалоому Алейкум, аяш ата, денсоолуктарыңыз кандай, жакшы жүрөсүзбү? - Жоодар кош колун суна эңкейе учурашты.

- Аллейкум салам, балам, кел-кел! - Карыя тааный алик алып, өйдө өткөрдү. - Балдар чоңоюп жатабы, атаңдар жакшы жүрөбү?

- Баары жакшы, аяш ата, өзүңүздөр жакшы, күүлүү-күчтүү жүрөсүздөрбү?

- Жакшы, айланайын, кудайга шүгүр, жүрөбүз эптеп.

- Ата, апам жок беле? - Эгемберди атасын карады.

- Ал бир жакка кетти окшойт, уулум, эки келин менен кетти го?

- Аа-а, - деп койду. Турсункан дасторкон жайып чай койду. Сүйлөшүп отуруп, чай ичип, анан Эгемберди Жоодарды өз үйүнө ээрчитип жөнөдү. Дилбар алар келгенде тамак жасап өз иши менен алек болуп жүргөн, эң кичинекейи, тентек уулу Арслан:

- Атам келди, апа, атам келди! - деп жүгүрүп кеткенде Дилбар үйдөн чыга калып, күйөөсү менен келе жаткан Жоодарды көрө утурлай басты.

- Оо-ой, шаардык келе жаткан го, кел, Жоодар.

- Келдик, аяш, кандайсыңар? - Экөө кол алыша учурашып, амандык сурашып, үйгө киришти.

- Дилбар, досум келди, козу алдырып, коноктобосок болбойт го, Жоодар өзү келмек эмес, зорго алып келдим. Айзада өлгөндөн бери келе элек. - Эгемберди бакылдай кетти.

- Ооба, алдап-соолап алып келбесең, өзү келбейт, коноктобосок болбойт. - Дилбар шакылдай күйөөсүн коштоду. - Айзада жакшы келин эле, өмүрү кыска экен байкуштун.

- Аны эстетип, досумдун көңүлүн чөгөрө бербе эми, андан көрө көңүл көтөрчү курбу-курдаштарыңдан чакыр, маектешип отурушсун, - деп Эгемберди күлүп калды.

- Койсоңчу, башынан андай шаан-шөкөткө көңүлүм чаппаганын билесиң го, аяшты жөн эле убара кыла бербе. - Жоодар досун тыя сүйлөдү. - Кереги жок.

- Болбойт, досум келгенде, бир жакшы отуруш жасабасам болбойт! - Эгемберди ордунан туруп баратып, аялын акырын ымдай кетти. Экөө сырттан сүйлөшүп, анан көпкө жоголушту. Жайытка улуу баласы Актаңды жөнөтүп, өзү үйгө кирди. Көп өтпөй эле Дилбар Камалбү менен өзүнүн дагы бир күйөөсү жок теңтушу Сыргабүнү ээрчитип келди. Жоодарга акырын көз кыскан Эгемберди: "Өзүң танда, кайсынысы жакса сеники" дегендей туюм менен жылмая, эки келинди карап койду. Эки келин кымырыла, баш ийкей, учурашкан болуп, отуруп калышты. Дилбар аларга ачык айтып, ээрчитип келген эле.

- Алгыла, кыздар, чайдан ичип отургула, - Эгемберди алардын алдына чыны узатты. - Бул менин досум, шаарда турат, аты Жоодар, таанышып койгула.

- Мен билем, ал тургай тааныйм, - деди Сыргабү.

- Кайдан тааныйсыз? - Жоодар аны таңгала карап сурап калды. - Мен сизди көрбөгөндөймүн.

- Сиз Алинага келип жүргөндө көргөмүн, мен анын коңшусу болчумун, ал менин күйөөмдү азгырып жүргөндө сиз пайда болуп, алып кеткенсиз.

- Оо-о, ошондой деңиз? - Жоодар заматта Алинаны көз алдына келтире жылмайып алды. - Анан күйөөңүз өзүңүздө калдыбы?

- Кайдан, азыр ал экөө чогуу жашап жатат, мен баса бергем, биздин балабыз жок эле, төрөбөгөнүм шылтоо болуп, аны менен кетип калган. - Сыргабү муңая отуруп калды.

- Ал эми бул сулуу Камалбү, - Эгемберди Камалбүнү колун жаңсай көрсөттү.

- Эмесе таанышып деги алдыңар, чайга карагыла. Эт бышкыча эрмектешип отуралы, - деп Дилбар бир бөтөлкө алып келип, Эгембердинин алдына койду. - Мындан аз-аздан куюп тур, деги эле мунсуз сөз дагы чыкпайт.

- Ой, кемпирим ушундай бир алтын да, айттырбай билип турат. - Эгемберди бажактай аракты ачып, стакандарга куюп жылдырды. - Бул кылтылдап, адамдын көз жоосун алып турганын карачы, ичке киргенден кийин адамдын ички оюнун баарын төктүрүп койгон керемет нерсе экен го? - деп каткырып алды да, Жоодарды карады. - Кана эми, Жоодар, өзүң сүйлөп, кыздарды алдырып кой!

- Эмесе, досум, сенин үйбүлөңө ынтымак-ырыскы, кемибес бак-таалай. - Жоодар эки келинди карай. - Сиздерге да дүйнөдөгү болгон жакшылыктарды каалайм! - деди.

- Ырахмат, досум, айтканың келсин! - деген Эгемберди алып жиберди. Эки келин бири-бирин карай жылмая алаар-алмаксан болуп отурганда Жоодар:

- Алып койгула, кыздар, мындай таанышуу, жолугушуу ар убакта боло бербейт. Эгемберди менен Дилбардын кең пейилдүүлүгү, адамкерчилиги бизди жолуктуруп отурат, - деди. Алар акырын жарымдан алып стакандарды дасторкон четине коюп, ачууркана отуруп калышты эле, Эгемберди аларга таарыныч кыла кетти:

- Дилбардын теңтушусуңар, бүгүн досум келип кубанып отурсам, силер алып отурбайсыңарбы?

- Дилбар өзү келбейби, ал ичпесе биз дагы ичпейбиз. - Сыргабү шакылдай жооп кылды. Камалбү ар кимисин карап, жылмая отура берди. Жоодар эки келинди алмак-салмак карай: "Экөө тең эле кыргыздын келиндери, дагы сынап көрөйүн, үйлөнсө үйлөнөм да, эми сүйүүсү жок эле тынч, жай жашоо өтүшүн ойлоюн" деп өзүнчө оор күрсүнүп алып, отуруп калды. Күнү кечке күлүп, шаңдуу отурушуп, кеч кире колго суу куюлуп, тамак алдыга келди. Эки келин ууртап-татып отуруп, бир аз кызып калды. Дасторкон жыйналгандан кийин Камалбү менен Сыргабүнү Дилбар узатып койду. Жоодар сылык гана коштошуп кала берди. Алар кеткенден кийин да Дилбар менен Эгемберди аны көндүрмөккө далбастап жатты.

- Кана, досум, эки келиндин кимиси көөнүңө жакты, же жакпадыбы? - Алагүү болгон Эгемберди ага эрдемсий карады. - Чынын айтсам, Камалбү жакшы келин, ата-энеси да жакшы кишилер.

- Ооба, Камалбү абдан жакшы келин, болгону ошол, ашыкча сүйлөбөйт. - Дилбар кошула кетти. - Эми, аяш, биз сага жакшылык эле каалайбыз, сага деле кыйын, турмуш дегениң ушундай татаал болот экен, бир кыйчалыш болуп алса ордуна келиш кыйын.

- Силерге ыраазымын, аяш, түшүнөм айтканыңарды, ойлонуп көрөйүн, дароо эле айтканда болбойт, - деди Жоодар ойлуу.

- Ма-акул Жоодар, эгер сен макул болсоң, дароо эле киргизе коебуз. Аяш апам деле сүйлөшүптүр го? - Эгемберди бакылдап жатты. - Кемпир, төшөк сал эми, досум эс алсын.

- Кой, чын эле эс алалы, түн бир убак болуп калды. - Дилбар туруп, төшөк салууга киришкенде, Эгембердилер сыртка чыгып кетишти. Ал түнү аерде түнөгөн Жоодар эки күндөн кийин Эгембердинин көкүткөнүнөн улам тобокел деп, үйлөнмөк болуп, даярданып калышты. Ата-энеси менен макулдашып, анан алып келишти. Он жаштагы баласын алып келбеди, ал таене-таятасына көнүп калган. Камалбү кара жумушка бышкан, көп сүйлөбөгөн келин. Дүңкүлдөп, өзү билип, жасай берет. Жоодар аны менен үйлөнгөндөн кийин шаарга келип, ишин бүтүрүп, кайра келди. Айылда жашоо кунарсыз деп жүргөн Жоодар, баарынан көңүлү кала тынч жашоону көздөп, өз жүрөгүнүн эңсөөсүн баса Камалбүнүн ою менен болуп, ага сүйүктүү жар болуп берүүгө даяр. Ата-эненин дагы көөнү тынып, келин жумшап, оңуп калышты. Уулуна ыраазы, айткандарына көнүп, бойдок жүрбөй үйлөнүп алганына кубанычта болуп жатышты. Эрнис менен Эмлис адегенде чоочуркап жүрүп, бара-бара көнө башташты. Балдарга анчалык мээрим төкпөсө да, жаман айтпай кийим-кечесин жууп-тазалап, убагында тамак-ашын берип, мектебине жөнөтүп, камкор. Чечилип Жоодар менен деле анчалык сүйлөшпөйт, сураса жооп берип коюп, өз иши менен алек. Эгемберди келип, экөөнү конокко чакырып кетти эле, ээрчише алардын үйүнө келишти. Жаркылдаган Дилбар аларды тосуп алды.

- Карачы, кандай гана жарашкан түгөй болдуңар, тү-түү көз тийбесин, - деп шаңкылдай үйүнө киргизди.

- Жакшысыңар! - деп койду Камалбү жөн гана.

- Кандай, аяш, балдар чоңоюп жатабы, Эгем жүрөбү бакылдап? - деп Жоодар аяшынын колун кыса кармап, жайдары учурашып, үйгө киришти. Үйгө кирип жайланып отургандан кийин алып келген белек-бечкектерин алдыга коюп, кайненеси берген кийиттерди жайганда Жоодар аны нукуп койду. Дилбар эшикте жүргөн. Камалбү күйөөсүн карап:

- Эмне болду? - деп түшүнбөй сурады эле Жоодар күлө:

- Эгемберди келсин, таттуу-паттууларыңды балдарга бере бер! - деп койду эле, Камалбү да күлүп калды.

- Мен билбей эле, экөө чогуу отурсун, ээ?

- Ошо да, үй ээлери болбосо эле алып коюп койгонуң кантип болсун? - Экөө кобурашып отурганда Эгемберди келип, бакылдай досу менен кучак жая учурашып, отуруп калды. Дилбар конок камын көрүп, дасторкон жайып кирип-чыгып жатты.

- Ийи жаштар, анан кандай акыбалдар, чал-кемпирден уялып, эркелеше албай жатасыңар го? - Эгемберди тамашалап калды.

- Койсоңчу, Эге, биз эми жаш белек? - Жоодар аста күлүп койду.

- Эмне, эмне-е карып кеттиңби сен, дегеле кой муну, мен эми күчөп, кыз сүйгүм келип жатса! - деп Дилбарды карай көзүн кысып койгондо, ал да жөн калбай шакылыктап жооп кылды:

- Мейли чалым, жашара бер, күнүмдүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин деген эмеспи.

- Азамат аяш, сендей аялы турганда досум зор бакытты кайдан издеп убара болмок эле. - Жоодар ушу кезде Дилбарга ыраазы болуп турду: "Эх чиркин, тирүүлүктө алган жарың жарашып турса, кандай ырахат, досумдун бактысы тоодой экен, аман болушсун, уул-кызынын ырахатын көрсүн" деп ойлоп алды. Ал туруп-туруп өз аялынын түнттүгүнөн тажап кетчү, түнү-күнү чоочун адамдай, бир түнөп, кетип калчу адамдай муздак Камалбүнү азыр да көз кыйыгы менен карап койду. Ал жөн гана жылмая карап, сүйлөгөн сөздү угуп отурган: "Дөңгөч, ушундан көрө Сыргабүнү алып алсам кичине мага жылуулук берип, көңүлүмдү көтөрөт беле?" деп да ойлонуп кетти. Бирок анткен менен өмүрүнүн аягына чейин аны менен жашоого бел байлап турду.

Камалбүлөр алып келген белек-бечкектерди алып эле тим болбостон, Дилбар да сандыгын ачып, кийит-кече алып чыгып:

- Камаш, адам менен адам болгонуңар жакшы, Эгемберди менен Жоодар бала кезинен дос экен, катышып жүрөбүз, ушу кезге чейин эле, сен дагы катышыңды үзбө, - деп кийиттерди аяшына берди.

- Дилбар, мен эми силер менен биргемин, Жоодар менен Эгембердинин достугу уланып ынтымактуу бололу, - деди Камалбү жылмая. - Мурда экөөбүз курбу элек.

- Аяш, досум экөөбүз кийит-кечеге карабайбыз, аялдар өзүңөр билгиле, иши кылса бир туугандарды, ата-энени да ысык кылып же суутуп койгон аялдардын ишине кийлигишпейбиз, - деди Эгемберди.

- Койсоңчу, Эге, сен тим эле сүйлөй бербе, кантип эле ошонун баары аялдын колунан келсин, өзүңөр ошого көнбөй койсоңор болот да? - деп Дилбар күйөөсүн карады.

- Ырас эле, бирок болсо болгондур, биздин колдон ал келбейт го? - Камалбү да ойлуу сөзгө кошулду.

- Эге, кой аялдар жакшы маанайда отурганда капа кылба, - Жоодар аны күлө карады.

- Эмесе, досум, аяш экөөңөрдүн ынтымактуу болуп, бала-чака көрүп, уза-ак-узак жашашыңарга тилектешпиз, кана эмесе мындан алып отуралы. Эми биз бала эмеспиз, киши болдук, аз жылда кыз берип, уул үйлөнтүп чоң ата, чоң апа болобуз, анан сакалдуулардын катарын толуктайбыз. Ошого чейин бакылдап-шакылдап жакшы күндөргө ортоктош болуп жүрө берели! - деп Эгемберди стаканын көтөргөндө беркилер да алып ийишти. Сыртта Куттукбек эт бышырып, Турсункан казан аягын кармап жүрдү. Эт бышаарга жакын Жумагүл менен Жамгырбекти чакырып келип, төргө өткөрүштү. Алар да уул-келинине ыраазы болуп, маңдайлары жаркып сүйлөп отурушту.

- Эл алып, тели-теңтуш күткөн жакшы, балдарым, силердин балдарыңар дагы ынтымактуу болуш үчүн өзүңөр айтып тургула, айланайындар. Илгертен Артыкбай экөөбүз кыйышпас дос элек. Уулдарыбыз минтип, бири-бирисиз тамак ичпеген адамдар болушту. - Жамгырбек сакалын сылай сөзүн улады. - Учуң узарсын деген ошол, балдарым, кээ адамдар бөлүп-жарып, ортого чагым кылышы мүмкүн, негизи жок ушакка ишенип бирөөнүн тилине кирбегиле.

- Садагаларым десе, ушунуңардан жазбагыла, ынтымак-ырыскы жылоолосун, бири-бириңерге арка-жөлөк болгула, - деп Жумагүл да алкап отурду. Карылардан тартынышып, бөтөлкө алып киришпеди. Аны түшүнүп, алардын сыйлап, ийменгенине ыраазы болгон карылар тамак ичилгенден кийин бата берип, жылып кетишти. Өздөрү калгандан кийин кайрадан конок каадасы кылып койкойгон бөтөлкөлөр менен кошо суусундуктар дасторкондо турду:

- Камалбү, - деди Дилбар. - Сен экөөбүз курбу элек, эми минтип кыйбас аяшым болуп калдың, Жоодар экөөңөргө ысык мамиле, бакыт-таалай каалайм, ылайым кармашкан колуңар ажырабасын! - Колдорундагы стаканды кагыштыра ичип жатышты.

- Ыраазымын, досум, ар дайым ушул пейилиңерден жазбагыла, уулуңар учка, кызыңар кырга жетип өмүрдөн жамандык көрбөгүлө! - Жоодар Эгембердини карай сүйлөдү. - Өлгөнчө бирге болуп, мен сенин сөзүңдү эки кылбаганга аракет кылам!

- Мен дагы сен үчүн барымды аябайм, керек болсо жанымды берем!

- Койгула эми, мырзалар, эми силерге биз дагы ант берип, касам ичелиби! - Дилбар күлө карап, тамашалай сүйлөдү. - Силерден кем калмак белек?

- Чын эле… - Камалбү жылмайып койду.

- Силер биздин тирегибизсиңер да, силерсиз бизде күн жок! - Эгемберди оолжуй сүйлөдү, ал кызуу болуп калган эле. - Дикимсиз мен жашай албайм.

- Ошону айтсаң, аял жок жерде, эл көрксүз деп ырдалган ыр бар го, анын сыңары Эгем туура айтат. - Жоодар аны коштой кетти. Түн бир оокумда гана эс алууга конокторду конок бөлмөгө орун салып берип, өздөрү да жатып калышты.

Жашоо өз нугу менен өтө берди. Камалбү бир калыбынан жазбай түйшүк менен алышып жүрө берди. Жоодар үйдө болгондуктан, анын унчукпаганынан тажап кетти. Түнкүсүн койнуна жатып, аялдык милдетин аткарганы менен кайрылып сөз сүйлөбөйт, керектүү жерде гана иш тууралуу бирдемени айтпаса, өзү менен өзү. Жамийла келинине абдан ыраазы, чай-тамагы белен, кир-когу жуулуу, бөкчөңдөп керээли-кечке өзү жасачу түйшүктөн кутулду. Жоодар бир күнү эшикте казанга суу жылытып жаткан аялынын жанына келип:

- Камалбү, сенин болгонуң эле ушулбу? - деди жылмая.

- Эмне болду?

- Өзүң менен өзүңсүң, мени жылмайып бир карап койбойсуң, балким ичиңде арманың бардыр…

- Эч кандай арманым деле жок, болгон мүнөзүм ушул. - Камалбү Жоодарды жылмая карап койду. Жоодарга анын ушул ирээт жылмайганы жагып турду. Көңүл бура карады, кашы-көзү кара, мурду кырдач, өзүнчө эле жарашыктуу турпатын суктана карап алды. Акырын ийинден ала өйдө кылды да, негедир өзүнчө эргий кучагына кысып, жүзүнөн сүйө аймалап кирди:

- Жоодар, уят го, атамдар көрсө эмне болот, бар үйгө кирчи, мен ишимди кылайын. - Камалбү аны өзүнөн оолактата түртүп, бошонууга аракеттенди:

- Көрсө көрөт да, сен менин аялымсың. - Жоодар болбой эле көпкө чейин өпкүлөп, анан кое берди.

Алардын кучакташып турганын көргөн Жамийла чыгып келатып, кайра кирип кетти: "Чунак бала, аялын күндүзү кучактап алганы эмнеси, ээн-эркин болгону жакшы окшойт" деп ойлоп чалынын жанына кирип отуруп калды. Шаарда эң кичүү баласы окуп жүргөн, ал Жоодардан он жаш кичүү. Жайнак үйлөнө элек.

- Чал, Жайнакты үйлөнтүп, Жоодарды бөлүп коелу, тиги ээн турган жерге үй салдырсаңчы, - деди анан.

- Ооба, кемпир, ойлонуп жаткан менен чамам жетпей турат, балдардын баарын, кыз-күйөөлөрүңдү чакыр, түптөй коюп, күзгө чейин үстүн жаап коелу, - деди Артыкбай.

- Ошентели, балдарды көзүбүздүн тирүүсүндө өз-өзүнчө түшүнүп, бөлүп койгонубуз жакшы, Жайнак го бул үйдө калат.

- Төрт балага энчисин бөлөлү, байбиче, балдарыбыз жаман эмес кайрымдуу, акыл-эстүү, эмгегибизди кайтарып, карыганыбызда минтип карап, багып отурат, ылайым балдарыма кудай ырыскы-дөөлөттү мол берсин, өмүрлөрү узун болуп эчтемеден кемибесин. Ээ жараткан, ушунуңа шүгүр, - деген Артыкбай өзүнчө ыраазы болуп алды.

- Аның ырас, экөөбүз картайдык, балдарыбызга берээрибизди ушу чогулганда тең бөл, анан эки кыз томсоруп калбасын, экөөбүздүн өлүмтүгүбүзгө мал алып коюп, кыздарга дагы бирдеме бер! - деди Жамийла чалына карай. - Жок болсо бир жөн, кудайга шүгүр, турат го!

- Ма-акул кемпир, кыздарга дагы беребиз. - Артыкбай ойлуу отуруп калганда Жоодар кирип:

- Ата, Эгемберди, карындашы Элмиранын тоюна чакырып жибериптир, - деди.

- Ботом, күйөөгө тийиптирби?

- Ооба, бир жума мурун коңшу айылга күйөөгө беришкен, эми ошонун тоюн берип жатыптыр, барасыздарбы?

- Барбай анан, Камалбү экөөбүз барып келели. - Жамийла ушинткенде Артыкбай кемпирин ормое карады.

- Келин менен Жоодар барат, сага эмне жок?

- Капырай, кыздын тоюна барбасак таарынбайбы, мен деле барайын. - Жамийла чалына ачуулангандай карады. - Жумагүл менен Жамгырбек капа болуп калат.

- Ма-акул эми, үчөөң барып келгиле, карыганда мен тойго баралбайм.

- Сен неберелериң менен отура бер. Эрнис менен Эмлис, Адинайлар турбайбы? - деген Жамийла Жоодарды карады. - Камалбүнү айтчы кийинсин, мен ала турганымды белендеп турайын. Жамийла сандыгын ачып, керектүүсүн алып, өзү дагы кийинип жатты.

Алар келгенде Турсункан менен Дилбар, шаардан келген кыздары болуп, келгендерди үйгө киргизип жүргөн эле. Дилбар короого кирип келатышкан Жамийла менен Камалбүнү көрүп эле аларды утурлай басты:

- Аяш апа, келгиле, жакшы жүрөсүздөрбү, аяш атам күүлүү-күчтүүбү?

- Жакшы, айланайын, баары жакшы, өзүңдүн бала-чакаң чоңоюп жатабы? - Жамийла Дилбар менен өбүшүп учурашты, Камалбү анын артынан келип:

- Кандайсың, күйөө балаңар кут болсун! - деп жылмая кучакташты.

- Рахмат, айтканың келсин, үйгө киргиле, апамдар үйдө, - Дилбар аларды ичке киргизип отургузуп, анан өз ишине киришти. Той кызуу өтүп жатты. Элмирага бакыт-таалай каалап, барган жеринен тынып-тынчып калышын тилеп бата беришти. Бул Элмиранын экинчи жолу Ратбекке күйөөгө чыгышында болуп жаткан той эле.

Жоодар менен Эгемберди сыртта кемеге башында эт бышырып, улам майлуу чучуктан туз сээп чокко салып бышырып, аз-аздан сеп этип коюп, сүйлөшүп жатышты, жанында башка айыл коңшуларынын балдары да жүрөт. Достуктун мынчалык бекем, ынтымактуулугу баарында эле боло бербейт эмеспи. Ошол күнү кеч кайтышкан, жолдо келатып, Камалбүнүн көөнү айнып, кускусу келип, үйгө зорго келди. Өңү бозоруп, кыйналып турганын байкаган Жамийла чоочуп кетти.

- Балам, сен эмне болуп турасың, өңүң өзгөрүп турат да, кыйналып турат окшойсуң, кирип жылуу жатчы.

- Жок, апа, атама ысык чай берип коеюн, биз жокто кыйналып калды го, балдар да ачка болгондур. - Камалбү болбой эле казан-аягына кирди. Кеч жатты, эч нерсе болгон жок. Ал өзү сезди, боюна болуп калганын. Муну уккан Жоодар абдан сүйүндү. Анткени ортодогу салкын мамилени бала бир кыйла жакындатып, экөөнү ысык, бекем жашоого алып келээрине көзү жетип турган.

Ошентип бири кем дүйнөнүн жарык жашоо кереметин бирге өткөрүп, эки бирдей пенде күнүмдүк өтчү өмүрдө сый гана жашап жүрө берди. Артыкбай абдан бай адам, малдары жайында жайлоодо, кышкысын субайлар кыштоодо, атайын малын бактырган малчысы да бар. Акысын берип, малын түгөлдөп, жайында төлүн кошуп, анан өткөрүп берип, карып калгандыктан өзү үйдө болуп калган. Ошол жайда Камалбү да кош бойлуу болуп, үй салып жатышты. Жайнак келип, кыз-күйөөлөрү менен балдары жабыла дубалын бүтүрүштү. Күзгө чейин үстүн жаап коюшту. Үстүн жаап бүткөндөн кийин Артыкбай баарын маңдайына коюп алып, сөз баштады:

- Балдарым, эми менин силерге айтаар сөзүмө кулак салгыла, апаң экөөбүз карыдык, төрүбүздөн көрүбүз жакын болуп турган чагыбыз, - деп тегерете уул-кызы менен күйөө балдарын, келиндерин карап алды. - Кудайга шүгүр, баары бар, эми уулуулата өз энчиңерди көзүмдүн тирүүсүндө бөлүп берейин.

- Ата, эмне деп жатасыз? - Жайнак атасына үрпөйө карады. - Чоочуба, балам, азырынча жакшы элемин. - Карыя жылмайып алды. - Апсамат, сага бир жылкы, он кой, бир музоолуу уй бердим, өзүң бөлүп ал, балам, - деди эң улуу уулун карап. - Акылбек, сен дагы бир жылкы, он кой, бир уй ал. Жоодар сен дагы, калган мал Жайнактыкы, ал үйлөнө элек, анын үстүнө биздин колдо ушул балам калат эмеспи, нааразы эмессиңерби, балдарым? - деп балдарын караганда Жоодар:

- Мунун баарын эмнеге минтип атасыз, ата? - деди чоочулагандай түрдө.

- Аталык милдетим, уулум, жок болсо айла жок, кокус көзүм өтүп кетсе, талашып-тартышып, элге кеп болбогула, көзүм барында берейин.

- Ыраазыбыз, ата, дагы көп жашаңыз, бөлө качкыдай зарылчылык деле жок, сизде болсо биздики да? - деди Апсамат. Баары ошого макул боло жылмая карап отуруп калышты эле Жамийла:

- Чал, кыз-күйөөлөрүңдү да унутпа, - деп калды.

- Шашпа, байбиче, эки кызымды да куру койбойм, ага-инилеринин өбөк-жөлөгү ушул экөө эмеспи, Зыйнатка бир уй, бир тай, Айзатка да бир уй, бир тай, таятаңдар берди деп, балдарга алып барып бергиле, таарынбагыла, кыздарым, - дегенде эки кызы тең:

- Ата, ыраазыбыз, бербесеңиз да маңдайыбызда аман жүрсөңөр болду, ким эле балдарына энчи бөлүп берип жатыптыр, бар экен берип атасыз, - дешип күлө карашты. Ошентип атанын милдетинин бардык жолун туура аткарып, көңүлү жайланып, кемпир-чал жатып калышты. Келээрки жылы үйдү бүтүп, Жоодар бөлүнүп кетти. Камалбү дагы уул төрөп алган. Бирок анын мүнөзү өзгөргөн жок, туулганда жаралган мүнөз, өлгөндө өзү менен кошо кетет эмеспи. Ойноп-күлүп, аял менен жыргалга батып, аялдын назын, эркелешин күткөн Жоодар абдан жаман болуп кетти: "Бул эмне деген таптакыр эле сезимсиз муздак аял, жашоонун кызыгын сезбеген да аял болот экен да, эч нерсе менен иши жок, ушундай да аял болобу?" деп кыжаалат. Жаңы үйүнө жакын бой келин жашайт экен, келгенден ал келип-кетип Камалбү менен мамиле кыла баштады. Кээде ал Жоодарды кылгыра карап калат. Аны көргөндө өзү да кумарлуу мүнөттөрдү сагынып жүргөн Жоодардын пейили бузула баштады. Камалбү аялдай болуп аны менен сүйлөшпөйт, дудукпу дейин десе суроого жооп берет, өзү ачылып сүйлөбөйт. Рая дагы ага анча келбей калды. Жоодар бир түнү төшөктө жатканда аялын кучактап жатып:

- Камалбү, эмнеге мындай сузсуң, же мен сага жакпаймынбы? - деди.

- Жагасың.

- Эмнеге сүйлөбөйсүң, төшөктө да салкынсың, эмне эркек менен жатканды жактырбайсыңбы?

- Койчу, Жоодар, жатып эле жатпайбызбы, мындан артык эмне? - Камалбү ары оодарыла жатып алды. Ушунчалык берилип, кучактаган Жоодар негедир андан сууп турду, ары карап кеткен аялын кое берип, чалкасынан түшүп, Айзада менен болгон бир түнүн эстеп жатты: "Кандай гана сонун түндөр эле" деп оор үшкүрүп ийди. Ошол түнү эле эмес Айзада ар түнү койнуна жатаары менен колун мойнуна ороп алып:

- Жоодар, мен сени кандай гана сүйөөрүмдү билесиңби, таң атып, сен жумушка кеткенден баштап сагынып кетем, - деп өпкүлөгөндө Жоодар дагы аны өпкүлөй:

- Жаным, мен дагы сени аябай жакшы көрөм, - деп анда өзү Алинаны ойлоп кетээр эле. Анын унчукпай калганынан улам Айзада:

- Эмнени ойлонуп кеттиң, сен андан көрө менин жарпымды жазчы? - деп өзү эле ишке киришип жанын көзүнө көргөзө үстүнө чыгып алаар эле…

Ушуларды ойлонуп алып көңүлү кирдей түштү. Камалбү эчак коңурук тартып уктап калган.

Бир күнү кичинекей уулу Максат ооруп, ооруканага алып барса, суук тийиптир деп жаткырып коюшту. Жоодар үйүндө жалгыз калды, эки маал уулун көрүп келет да, үйүнүн эки жагын карап, анан үйүндө телевизор көрүп жата берет. Отурган жеринде көзү илинип кеткен экен, эшикти бирөө каккылаганынан туруп барса, босогодо Рая турат.

- Кел, кел, Рая, жөн-жай элеби?

- Жөн-жай эле, Камалбү эмне көрүнбөй калды?

- Ал ооруканада, Максаттын өпкөсүнө суук тийиптир.

- Аа-а ошондой, көпкө жатат го анда?

- Билбедим, балким айыккыча жатат, кичинекей баланы үйдөн карай албайт экенбиз, укол албаса болбойт тура.

- Мейли анда, көрүнбөй калганынан эле. - Рая артына кайрылып, кетмек болду.

- Нан-пан ооз тий кирип.

- Ии-и, - деген Рая күлүмсүрөй бурула бергенде, экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. - Ушул эле жерден…

- Жо-ок босогодон болбойт, кир үйгө. Өзүм дагы жалгыз чай иче албай зээригип отурдум эле, ырас болбодубу, экөөбүз маектешип, бир чайлашалы. - Жоодар келинге кыйгый карап, жылмая ичке карай басканда Рая анын артынан кирди. Рая жыйырмага толуп турган жаш келин. Күйөөсүнөн ажырашып келгенине бир жылдай болуп калган. Ата-энеси жайы-кышы малы менен төш тараптагы үйүндө. Демейде такылдап сүйлөчү Рая тартына келип, отуруп калды.

- Рая, сүйлөп отур, кандай анан акыбал?

- Жакшы эле.

- Эмнеге корккон коендой бүрүшүп отурасың, мен азыр дасторкон жая коеюн, сен кенен-кесир отура тур, - Жоодар олдоксон тартып, дасторкон алып келип, чай-нанын койду. - Кел эми эрмектешип бир аз отуралы. - Чыныга чай куюп сунуп, өзүнүн алдына да койду.

- Сиз Камалбүнү сүйөсүзбү? - Рая капысынан сурап калды. - Сүйүүнүн кандай экенин билесиңби? - Жоодар аны сырдуу карап койду.

- Жок, деги көпчүлүгү эле сүйлөшүп, сүйүшүп, үйлөнөт го?

- Андайды билбейт экемин, секет, жашоодо татыктуу жашап, уул-кыз сүйүп, ынтымактуу болсоң, сүйүү ошол да?

- Сиз ошондой деп ойлойсузбу?

- Ооба, а сен күйөөгө сүйлөшүп тийдиң беле?

- Жок, ала качып кеткен, эки айдан кийин эле баса бердим.

- А сени сүйчү беле?

- Билбейм, азыр дагы келип-кетип жашайм дейт. Менин аны менен жашаганга көңүлүм жок!

- Келгенде кетпей жатасыңбы?

- Ооба, көөнүмө жакпаса кантип жашамак элем, быйыл жазда атам окууга жөнөтөм деп жатат, шаарга барып окуйм же иштейм.

- Жакшы-ы, - Жоодар унчукпай калды. Раяны жалт карап алды, өзүнөн бир топ кичүү, өтө жаш, Жоодар отуз экиге карап калган. Көпкө ойлонуп туруп калды да анан.

- Рая, өзүң сүйүп көрдүң беле? - деди.

- Жо-жок, мектепте жүргөндө балдар кат жаза берчү, бирок мен аларга жооп берген эмесмин!

- Демек, сүйүп көрбөпсүң да. Сүйүү деген жөн гана сезим, үмүт-тилек, кыял, колго кармалбаган аруу сезим, аң-сезимиңди аңкоо кылып, акылсызды акылдуу, акылдууну акылсыз кылган чексиз туюм, - деп Раяны жылмая карады. - Андан көрө сүйүүнүн туткунуна кабылбай жөн эле адам болуп жашап өткөн жакшы!

- Сүйүү жөнүндө деле ойлонбойм, бирок жүрөгүң кабыл албаса берилип жашоо кыйын экен…

- Аның туура дечи, сен али жашсың, телегейиң тегиз, дүнүйөң түгөл болуп, жашоонун ылайыгына карай турган кезиң келет.

- Билбейм, аны да көрөөрмүн, мен көпкө отуруп калдым окшойт, барайын үйгө, - Рая ордунан козголду. - Жакшы калыңыз.

- Жакшы бар, Рая, келип тур! - Жоодар аны жылмая узатып кала берди: "Көздөрү кумарлуу, эңсегени бар, балким жаш дене бир нерсени каалап жүрбөсүн, күйөөсүн жактырбаса, жолу ачылып калган неме" деген ойдо жаш келинге биринчи кол салалбай же ачык айта албай туюк гана ойлонуп кала берди.

Ошондон тартып, Рая Жоодар менен сүйлөшүп, анда-санда короонун эшигинде туруп калышчу болду. Камалбү баласы менен аябай көпкө жатып калды. Ушул кезде Жайнак шашылыш үйлөнмөк болуп калыптыр. Түн катып эле алып келип калды. Жамийла шашып калды, балдарына телефон чалып баарын чакырды, анан Жоодарга коңшусунун баласын жөнөтүп ийди. Он төрт-он бештердеги бала келип, эшиги бек турганынан, кете бермек болуп, артына кайрыла берип терезенин тушуна жеткенде үйдөн дабыш угуп токтой калды. Шыңк эткен дабыштан улам, терезеге келип парданын ачылып калган жеринен аял менен эркектин күлгөн күлкүсүнө улай дырдай жылаңач денелерди көрүп, кызыга шыкаалап туруп калды. Бул Жоодар менен Рая болчу, анда-мында шыңгыр күлкүсү менен арбап жүрүп, экөөнүн мамилеси аларды акыры төшөккө жеткирген эле. Өспүрүм келиндин жүзүн көрбөсө да, көпкө карап туруп, анан кайра эшигинин алдына жетти да, калганы такылдатып туруп калды. Көптөн кийин гана Жоодар чыгып:

- Ким керек? - деди.

- Сизди Жамийла апа чакырып жатат. Жайнак аке аял алып келиптир! - деди өспүрүм көзүн кымыңдата.

- Азыр, бара бер! - Жоодар эшикти ичинен илип алып, кирип кетти.

- Ким?

- Апам чакырыптыр, - Жоодар Раяны кучактай жата кетти.

- Анда барыңыз, бирөө-жарымга көрүнбөй, мен дагы кетип калайын. - Рая ордунан туруп, кийинмек болду.

- Жата турчу, алтыным, сага көнүп баратам, кокус бирөөлөр билип калып, Камалбүгө жеткирсе эмне болот?

- Аны сиз билесиз, а менчи, менин боюма болуп калса канттим?

- Билбей калдым, аны убагында көрөбүз, жүрү эми сен акырын чыгып кет, мен дагы жөнөйүн, шашылыш чакырганына караганда бир иш бар, - деп Жоодар кийинип жатканда Рая чыгып баратты эле. - Кечинде свет күйсө келип кал! - деп койду. Жоопсуз кетти Рая.

Жоодар келээри менен Жамийла чыйпылыктап алдынан чыга:

- Балам, Жайнак аял алып келиптир, эми өзүң баарын тейлебесең болбойт, ата-энеси келгенге союшту даярдап коелу, - деп күйпөлөктөгөндө артынан Жайнак көрүндү.

- Кандай, баатыр, келинчек кут болсун, айтпай-дебей бул эмне кылганың? - деп күлө инисин кучактап, далыга таптай учурашты. - Келиндин ата-энеси кайдан экен?

- Кеминден, алар бүгүн келбейт, эртең келет.

- Мейли эми, жакшылык иш бүтөт, сен отун-сууну даярдай бер, мен союшту алып келейин, Эгембердини аялы экөөнү чакыртып ал!

- Макул, азыр Эрнисти жиберели. - Жайнак агасына ыраазы боло өз ишине киришти.

Келин келип, кирип-чыккандар көбөйдү. Жайнактын достору келип, шаңдуу музыка коштоп, Артыкбайдын үйүнүн эшиги жаркырап жарык болуп, сыртта эт бышырган тууган-уругу менен жоро-жолдоштору өздөрүнчө уу-дуу болуп жатышты.

Салима менен Жайнак эки жылдан бери сүйлөшүп жүрүшкөн. Боюна болуп калган Салима ыйлап туруп алгандыктан, шашылыш айтпай эле алып келип калган эле. Салиманын ичи билинип калган, эңкейип жүгүнгөнүнөн байкап калган аялдар, күбүр-шыбыр болуп жатканда, Жоодардын эжеси Зыйнат бирин сыртка чакырып чыкты да.

- Эже, келин бүлөө биздики, сиздер тынч гана отуруп, сый көрүп, кетиңиздер, жаш неме укса эмне болот, баарыңарда эле уул-кыз бар го? - дегенде ал аял шыпылдай минтти:

- Ооба-ооба, айланайын, бар эмей, капаланба аялдарды билесиң, сөздү чыгара берет, - деди да кирип, отуруп калды.

- Айланайындар, бактылуу болгула, алганың менен тең карып, убай-чубай балдарды көргүлө! - деп сырттан жаңы кирген колунда таягы бар кемпир жүгүнүп жаткан келинди бетинен өөп: - Өх, айланайын, карысаң кара жердей бол деген ушу да, - деп отура кетти. Бул сексендеги Апал деген эгиздин түгөйү, бала-чаканы эмдеп-домдой койчу кемпир эле. Чоң ак жоолукту келиндин башына салып койду да. - Ой, Жамийланы чакырчы! - деди чай куюп отурган келинге.

- Азыр апа, - келин элпек тура калып, чыгып кетип, Жамийланы ээрчитип келди.

- Кел, эже, келинимди көрүп келгениңе ырахмат! - деп Жамийла сыңар тизелей отуруп калганда Апал:

- Жамийла, ушул айылдын алды, кадыр-барктуу эле силерсиңер, мына төрт келин алдың. Менин ырыскымды элден буйруптур, ошол үчүн мен сенин ушул кенже келиниңе берээр батам, белегим бар! - деди да чөнтөгүнөн түйүнчөк алып чыгып, Жамийланы карады. - Мен дагы кудай сүйгөн эгиздин түгөйүмүн, баладан чукакмын. - Апал түйүнчөгүн чечип, андан илгерки колго жасалган күмүш сөйкөнү алып чыкты. - Муну катып жүргөм, эми ушул келиниңе белекке берейин, кастарлап урунсун. - Салиманы карап, - кел-келе гой, садага, туралбайм, өзүң кел тагып берейин - дегенде Салима жанына келип, чөгөлөй калды. - Пейилиңден береке тапкан, убай-чубай уул-кыз төрөгөн, ырыс-кешиктүү келин болуп, алганыңды жер каратпай сыйлаган ыймандуу келин бол, садага! - деп алакан жая бата бергенде Жамийла:

- Ыраазымын, эже, айтканың келсин! - деп колун бооруна ала кубанып турду.

- Ырахмат, апа, - Салима дагы уяң үн катты.

- Бул күмүштү мен жаңы күйөөгө чыкканда өзүмдүн атам жасап берген эле, ыраматылык атам колунан көөрү төгүлгөн зергер болчу, бул абдан ыйык белек, балам, аздектеп тагынып жүр, - деп отурду Апал. Апал, Үпөл деген эгиздер али да бул айылда жашачу. Үпөлү эки жыл мурун өлүп калган. Бала-чакалуу, баары үйлөнүп, жайланып калган. Апал үчтү төрөп, токтобой жалгыз сиңдисинин кыздары менен турат. Бала көрүп, дем салып элдин чакыруусу менен көп жакка барып тапканы жакшы, эшигинде мал-салы бар.

Жамийла ага аябай ыраазы болуп сыйлап, жаңы чыккан көйнөк, жоолуктан салып жөнөттү.

Жоодар ал күнү үйүнө келе албады, түнү менен бакылдашып Эгемберди, коңшусу Төлөбай дагы үч-төртөө болуп, өздөрүнчө отурушту. Кызуулугу менен Эгемберди экөө ээн боло калганда:

- Досум, сен мага жүрөгү жок, сезими таштай, жыландай муздак аял алып бердиң го, аның мени тажатып баратат! - деди эле Эгемберди каткыра минтти:

- Жоодар, сезими күчтүү аял сенден көптү күтүп, ала албаса башкадан издеп кетет да, күчтүү сезимтал аялдын сага эмне кереги бар?

- Кызыксың го, кучагыңа ташты кучактап жаткандын эмне кереги бар, бир берилбесе, ээритип кучактап аялдык назын көрсөтпөсө, жашоонун кызыгы кайсы?

- Эмне кыл дейсиң анан?

- Эчтеке, - Жоодар башын жерге сала күңк этти. - Эмне кылмак элем, балам турат, айла жок жашоого туура келет! - деп улутуна, ордунан турду. - Адам болгондон кийин тирүүлүктүн берген насибин ойдогудай жан сергитип жашаш керек да!

- Жоодар, ал чынында жоош-момун аял, андан көрө сен бир көңүл ача турган бирөөнү таап албайсыңбы? - Эгемберди шыбырай айтты. - Камалбү билсе деле унчукпайт болуш керек, - деди.

- Ак никени бузуп, башка аялдын төшөгүнө барамбы? - Жоодар досуна ички сырын чыгара албай билмексен боло сурады.

- Эмне болмок эле, андан көрө көңүлүңө жаккан бирөөнү таап ал, - деп эки жагын карана жанына келип. - Мен эле соо жүрөт дейсиңби? Дилбар байкуш билсе да билмексен болобу билбейм, төрт бала турганда тынч жашайын дейт окшойт, - деди акырын көзүн кыса.

- Эмне, эмне-е, ушу сен Дилбардын көзүнө чөп салып жүрөсүңбү, ыя? - Жоодар таң калгандай карап туруп калды.

- Ошон үчүн пендебиз да, досум! - Эгемберди күлүп, санын чаба ары басып каткырып жатты. -Жаныңда жыландай эмес кырк градус ысык аял жатса да тажайсың!

- Кызык экен, анда мен сөзсүз табам!

- Молоде-ец, досум, молоде-ец! - Эгемберди досунун ийинине колун койду. - Билсең, жашоонун кызыгы ошол аялдарда!

- Түшүндүм. - Жоодар Эгембердини кубана карады. - Жакында сени бир келин менен тааныштырам, макулбу?

- Болду, сөзсүз таанышабыз. - Экөө алакан чабыша каткырып калышты, аңгыча сыртка чыгып кеткен эки жигит бөтөлкө көтөрүп, келип калышты.

- Келинди жуубасак болбойт, мына, Жоке, келиниңдин көрүндүгү! - деп коңшусу Туратбек бакылдай отуруп, арактын оозун ачып, стакандарга куйду. Төртөө майлуу боордон алып, аз-аздан ичип, көпкө отурушту, Эгемберди уктап калды. Жоодар да отурган жеринде үргүлөй баштаганда, тигил экөө теңселе басып, чыгып кетишти.

Чоң үйдө шаан-шөкөт менен жаштар өздөрүнчө бака-шака, Жамийла менен Артыкбай эбак уктап калган. Келиндери конок тейлеп, алар менен кошо Дилбар жардамдашып жүрдү. Экинчи күнү төркүндөрү күпүлдөп, кызыбызды алып кетебиз дешип катуу келди эле, жеңеси кирип чыккандан кийин үндөбөй кирип, отуруп калышты. Ошентип эки жашка каалоо-тилектерин айтып, алдына койгон акчасын, кийгизген кийит-кечесин кийип, ызаат-сыйын көрүп, анан жөнөп кетишти. Бир жумадай ооруканага да баралбай, Раяга да жолуга албай убакыт өтүп кетти. Бул арада Эрнис менен Адинай ооруканага тамак-аш жеткирип, иштин чоо-жайын айтып келип жатышты. Камалбү унчукпай гана тим болду. Жайнак келинчегин алып, бир жумадан кийин эле шаарга кетишти. Алар Зымыраттын үйүндө окууларын бүткөнчө турмак болушту. Жоодар адегенде ооруканага барды, талпынып калган уулу Максатты көтөрүп, бир аз жүрүп, анан Камалбүгө:

- Камалбү, мен сени сагынып кеттим, сенчи? - деди сынай карап.

- Койсоңчу, - деп жылмайып тим болду ал.

- Качан чыгарат экен?

- Эки-үч күндө чыгарат, жакшы болуп калдык.

- Жакшы экен анда, буйруса жакында үйдө болот экенсиңер да балам экөөңөр, ээ балам? - Жоодар уулун өөп, Камалбүгө берди да, үйүнө жөнөдү. Келип үйүнүн эшигин ачып, эки жагын карап, анан кайра кирди. Көпкө күттүрбөй эле Рая шып эте кирип келип, Жоодардын мойнуна асылды.

- Жаман сагынып кеттим, жоголуп кеттиңиз да?

- Иш ошондой болду да, өзүң кандай, зерикпедиңби? - Жоодар дагы жаш келинди кумарлуу мойнунан жыттап алды. - Мен дагы сени аябай сагындым.

Экөө тикесинен турган бойдон көпкө эзилишип жатып, Жоодар бир нерсени ойлогондой Раяны кучагынан чыгарып, эшикти илип келди да, экөө арыдан-бери төшөк салбай эле кулашты. Көпкө бири-бирине махабаттын ысык лаззатын тартуулап, мөлмө-чөлмө болуп тердеп, жүк түшүргөн жумушчудай энтигип барып, эстери оой жатып калышты.

- Сиз укмуш экенсиз, - деди Рая көптөн кийин.

- Сага жактыбы?

- Ананчы, жанды жыргатып эч нерсе көзүмө илинбей жанымды көзүмө көрсөтөсүз тим эле. - Рая кыткылыктай Жоодарды бекем кучактап алды. - Аялыңыз абдан бактылуу экен, күндө жанында жатып, бакытка батырып турган сиздей күйөөсү бар.

- Ээ Рая, ал мындай рахат менен иши да жок.

- Эмнеге?

- Ошо, эркек менен жатканды жактырбаса керек?

- Кызык, балким ал сизди сүйбөйттүр?

- Чынбы?

- Деги да, мен күйөөм менен жатканда таптакыр эле көңүлүм келчү эмес.

- Ошондой де? - Жоодар ойлуу жатып калды: "Балким ал дагы бирөөнү катуу сүйгөндүр, жетпей калгандыр, ошону үчүн баарын унутуп, тынч жашоого көнгүсү келгендир" деп унчукпай жатканда Рая аны чопулдата өөп:

- Сизсиз мен кантип жашайм. Камалбү келгенден кийин келе албайм, көрүшпөй калабыз го? - деди төшүнөн жыттап.

- Кам санаба, жолун табабыз, - Жоодар аны чалкасынан жаткан бойдон көкүрөгүнө кысып алып, сүйлөп жатты. - Сен менин жүрөгүмдүн жакынысың, эрмегим, эркемсиң!

- Ыраспы? - Рая башын көтөрүп, жылмайып, назданып койду. - А сен менин бүркүтүмсүң, шумкарымсың! Аялың болсо эмне экен, күн өткөн сайын көнүп эле баратам.

- Аял - аял экени ырас, бирок таш аялды кучактагандан көрө, жалгыздык жакшы. - Андан кийин экөө тең үндөбөй калышты. Камалбү чыгып келгенче алар ойноп-күлүп бирге болушту. Камалбү келгенден кийин Жоодар аны түн ичинде кучактап алып өпкүлөп, бүткөн боюн сыйпалап эркелетип жатып, бир сырын билүүгө ашыга акырын сөз катты.

- Камалбү, экөөбүздүн жашаганыбызга бир жарым жыл болуп баратат, сен мени жакшы көрбөйсүң, же жакшы көңүлүң менен сүйлөшпөйсүң, жүрөгүңдө катылган бир сыр бар, айтчы деги, мени бук кылып ийдиң го, минтип жашоо кимди бактылуу кылат?

- Жоодар, жакшы көр, жаман көр баары бир өмүр өтөт эмеспи, андан көрө сен мени кыйнаба, мен сени кыйнабайын, - деди улутуна.

- Кантип, эрди-катын бири-биринен сыр жашырып жашоого болобу, сенин жүрөгүңдү ачкым келет, аялдардай эле коюнумда ээрип жатышыңды каалайм! - Жоодар жиндене өйдө болуп отуруп алып, сүйлөп кирди. - Керек болсо үйлөнгөнгө чейин сырыңды айтышың керек болчу, мен сени менен сүйлөшкөн жокмун, ошол үчүн эми болсо да билгим келет! - дегенде Камалбү да өйдө туруп отуруп, Жоодардын жүзүнө эңиле карап.

- Ошончо эле кызыкпы? - деди акырын.

- Ооба, билгим келет, мен үчүн кызык!

- Анда угуп тур! - деди да оор улутунуп алып, анан сөзүн баштады…

Мен мектепти бүтөөр жылы сүйүү деген илдетке кабылдым. Замир менден улуу, аскерден жаңы келген жигит болчу. Адегенде кыздар болуп, аны менен таанышып калдык, күндө мектептен чыгып келе жатканда жолубуздан чыгат. Эки кыз кошуна элек, үчөөбүз ар дайым бирге келебиз, үйгө жакындаганда ал кетип калат. Бир күнү курбум Мээрим мага жолугаары менен эле:

- Камалбү, сага бир сөз айтайынбы? - деди кубанычтуу.

- Кана, айта койчу угайын, - дедим мен эч капарсыз эле.

- Кечээ, кечке маал Замир келиптир, ал мени сүйүп калганын айтты!

- Койчу, чын элеби?

- Чын, ал бүгүн дагы мага келет, көрөсүң го, мен дагы аны сүйөөрүмдү айткым келет, бирок азыр кое турайын ээ, анча-мынча убара болуп азап чексин, - деди кубанычтан көздөрү жайнаган курбум.

- Өзүң бил, - дедим мен ойлуу, анткени ага суктанып да, ичим күйүп да турду., Мен Замирди өзүмдүк кылып алгандай мени сүйөт деп ойлогон оюм тескери чыкканына ызаланып турдум. Көзүмө жаш кылгыра түштү, билгизбей ызамды кылк жута кайраттанып, өзүмдү кармап унчукпай бараттым. Мээрим сүйлөп жатты, бирин уксам, бири кулагыма кирбей, мектепке жетип келдик. Көпкө чейин кыжаалат болуп, сабакка да көңүлүм чаппады. Сабактан чыкканда Мээримге калп шылтоо айтып, андан бөлүнүп кала бердим да, экөөнүн артынан акмалап кете бердим. Сөздөрү угулбайт, экөө эч ким менен иши жок, каткырып күлүп, сүйлөшүп баратты. Мен алыстан карап туруп, кала бердим да, Замирди күтүп калдым. Анын көптөн кийин гана келе жатканын көрүп, алдынан чыктым.

- Оой, Камалбү, сен эми келе жатасыңбы? - Ал мени көрөөр менен күлүп-жайнап, учурашып туруп калды.

- Жакшы, өзүң кайдан?

- Мээримди узатып келдим.

- Жакшы, сүйүүңөр кут болсун, мага Мээрим баарын айткан, - дедим мен.

- Рахмат, - ал жылмайып койду.

- Сен аны чын эле сүйүп калдыңбы?

- Оо сөз жок, Камалбү, мектебин бүтсө эле алып кетейин деп жатам.

- Бактылуу болгула, - деп жөнөй берээрде: - Сен анын ким экенин билесиңби? - дедим ары карап туруп.

- Түшүнбөдүм, - Замир менин жаныма келип, карыман кармай өзүнө бурду. - Эмнени айткың келет?

- Ал башка айылдан төрөп коюп, анан биякка келип окуусун улантып жүрөт, өзү жашырган менен ушак дароо эле ээрчий келген! - дедим да, ылдам басып жөнөдүм. Чынында Мээрим башка айылдан келген эле, ата-энеси өлүп калып, таяке-тажеңесинин үйүндө жүргөн. Замир дагы жете келип алдымды тосо туруп алды.

- Ушу чынбы, Камалбү?

- Чын экенин кайдан билем, бирок шамал болбой, чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи?

- Демек ал кордолгон кыз экен да?

- Аны өзүнөн сура! - Мен жүгүрүп жөнөдүм, жол боюндагы үйүмө кирип баратып, артыма кылчайсам, ал дале туруптур, короого кирип дагы карасам, кетип баратыптыр… Өзүмдүн ынак курбумду, өз сүйүүм үчүн жаман атты кылдым, көпкө жүрөгүм кыжаалат болуп, тынчым кетип жатты. Ошондон кийин Замир көрүнбөй калды, айрыкча мен аны көргүм келгенин айтпа, Мээрим болсо аны айтып ыйлап да жүрдү. Аңгыча экзамен болуп калды, бир күнү Замир келе жатат. Мээрим менин жанымда турган, аны көрүп сүйүнүп кетти.

- Камалбү, Замир келе жатат, карасаң тигине! - деп кубанычтуу, алаканын чаба секирип калды.

- Келе жатса, барбайсыңбы? - дедим мен жактыра бербей.

- Азыр, - Мээрим менин айтканыма ишенип, оюнда эч нерсе жок эле аны карай басты. Замир ага карабай өтүп келип, мага учурашып туруп калганда, Мээрим турган ордунда селдейип катып калды.

- Камалбү, кандай экзамендер?

- Жакшы.

- Мен сага бир сөз айтмак элем…

- Эмне сүйүүңдү арнамаксыңбы? - Мен сумсая карадым.

- Камалбү, тамаша эмес, бүгүн үйүңө ата-энем барат.

- Эмнеге? - Менин жүрөгүм солк этип алды, кубанаарымды же кайгыраарымды билбей аны карап тура бердим. Мээрим болсо, ошол турганынан жазбай, бизди карап туруптур.

- Ошол, ата-энем сени келин кылып алабыз дейт го? - Замир жылмайып койду. - Сени жактырышат экен.

- Ата-энеңе жагыптырмынбы, а сенчи? - Мен аны сынай карап, жиним келип кетти. - Же ата-энең алмакчыбы мени?

- Жок-жок, Камалбү, түшүнчү, мен аларга, сен, жөнүндө айтсам макул болуп жатышпайбы?

- Менин сени уга турган убактым жок, консультация болот, - мен шарт артыма бурулуп, кирип кеттим да, терезеден карап турдум. Замир унчукпай туруп калганда, анын жанына Мээримдин келгенин көрүп, жүрөгүм дүкүлдөп, уятым чыгып калчудай, көзүмдү айрыбай карап тура бердим. Замир Мээрим жанына келгенде ары басып кетти, ал бирдемелерди айтып колун булгалап кала берди. Эс ала түштүм. Эгер экөө сүйлөшүп калса, менин калп айтып, экөөнү бузганым билинип калмак. Мээрим ыйлагандай болуп көрүндү. Анын мектепке кирип келе жатканын көрүп, жүзүн кароодон уялып класска кирип, китепти карамыш болуп отуруп калдым. Мээрим үндөбөй жаныма келип отурду да, көптөн кийин:

- Замир сага эмне деди? - деп сурады.

- Эч нерсе…

- Экөөңөрдө бир сыр бар, азыр мени менен учурашкысы келбей кетип калды.

- Менде эмне күнөө? - Мен китептен башымды көтөрбөй жооп бердим.

- Билбейм, Камалбү, сүйөм-күйөм деп аябай артымдан жүгүрүп жүрүп эле, жолукпай калды…

- Билгиң келсе мындай, анын ата-энеси, бүгүн биздикине келет имиш, менин колумду сурашат экен, - дедим бир кезде аны карап мазактагандай түр көрсөтө жылмайып.

- Койчу, чын элеби? - Ал көздөрүн бакырайта менден сурап жиберди.

- Мен сага качан калп айтчу элем, ата-энеси жетим кызга үйлөнбө дептир!!!

- Ош-ондой де? - Мээримдин көздөрүнүн чанагы жашка толо, мени телмире карап туруп калды. - Демек, ал мени чын сүйгөн эмес экен да, болбосо… - деди да, туруп кетип баратып. - Бактылуу болгула! - деп жүгүрүп чыгып кетти. Мен унчукпай кала бердим, бир жагынан ага табам кана, экинчиден өзүмдүн жүрөгүм каалап, сүйгөн адамдын мага үйлөнөрүнө кубанып турдум. Экзаменге даярданып бүтүп, үйгө келсем, коңшубуздун үйүндө топураган эл, чоочуп кетип апамды издесем жок, баары ошол жакта экен. Сиңдимден сурасам:

- Мээрим өзүн-өзү муунтуп коюптур, - деди.

- Кантип, качан?

- Азыр эле келген имиш, короого кирип муунуп калыптыр.

- Байкуш! - дедим да кийимимди чечип, үй кийимимди кие салып, топураган элге аралашып кирип бардым. Тажеңеси чырылдап ыйлап жатыптыр.

- Эмеле жүргөн болчу, мектептен эмнеге эрте келдиң десем, ооруп турам деп коюп, чыгып кеткен. Кайра эле карап таппай калдык, коңшу-колоңдукуна кеттиби дейин десем, эч кимдикине кирчү эмес, куураган жаным, билбей калбадымбы! - деп тызылдап жатты. Узунунан жаткырып бетин жаап коюшуптур, мен жетип, бетин ачып жибердим эле, аялдардын бири:

- Ой, кыз, бул эмнең?! - деп мени бери тартып алды да, кайра жаап койду, мен бетимди басып алып ыйлаган бойдон жүгүрүп чыгып, үйгө келдим. Беттери көгөрүп кеткен курбумдун жүзү көз алдыман кетпей, жаман боло бердим. Мен ыйлап отурсам сиңдим Анарбү:

- Эже, тышта кишилер келди, апамды чакырып келейинби? - деп калды.

- Кимдер келди? - дедим мен жашымды аарчый.

- Билбейм, - ийинин куушуруп койду сиңдим.

- Атам каякка кетти эле?

- Ал дагы ошоякта.

- Чыгып кимдер экенин билчи, менин бар экенимди айтпа. - Мен терезеден карап, эчтеке көрө албай отуруп калдым. Анарбү чыгып кетти, көп өтпөй атамдар жетип келип калышты. Алар Замирдин ата-энеси менен дагы эки-үч аял экен. Апамдар иштин чоо-жайын билген соң, жакшылап коноктоп жатышты. Мени чакырып, чай куюп бер дегенинен кирип, бир аз эле отуруп, кайра чыгып кеттим. Ошентип Мээрим өлүп, анын үйүндө боздогон ый, өкүрүк-өксүк болуп жатканда менин үйүмө кубанычтуу кабар келип, менин тагдырым чечилип жатты: "Мен кандай акмакмын, мен Мээримди өлтүрдүм, мен гана күнөөлүүмүн" деп ыйлай бердим. Алар ата-энем менен макулдашып, анан жөнөп кетишти. Мээримди үч күндөн кийин жайына коюшту. Классташтар чогулуп, гүл чамбар жасап келдик. Кыздар чогулуп, шолоктоп ыйлап жаттык. Мен болсо өзүмдү кечире албагыдай абалда элем. Улам өзүмдүн айткан сөздөрүм кулагыма угула берип, ооруп жатып калдым. Акыркы экзаменге бара албай калдым эле атам барып сүйлөшүп койду.

- Өлүктүн бетин ачып, коркуп калган го? - деп апам чыйпылыктап жүрөгүмдү көтөртүп, молдого дем салдырып жатты. Бир ай төшөктө жаттым. Арыктап өңүм азып калган, бир күнү эшиктин алдында отурсам Анарбү:

- Эже, сени бир бала чакырып жатат, - деди.

- Ким экен?

- Билбейм, - Анарбү ийинин куушура жүгүрүп, кетип калды.

- Ким болду экен? - деп сүйлөнө ордуман сүйрөлө туруп, короонун оозуна жеттим, абдан алсыз элем. Чыга калсам Замир туруптур, мени көрүп, сүйлөй албай бир аз турду да:

- Кандай, Камалбү, жакшы болуп калдыңбы? - деди мага карап.

- Жакшы.

- Сүйлөшсөкпү деп эле…

- Азыр менин алым жок, эми жакшы болуп келатам, - дегенимде ал менин колума кагаз карматты да:

- Жакшы тур, дагы келем, сакайып кет! - деп жөнөп кетти. Мен акырын басып, үйгө кирип жатып алып, катты окуй баштадым: "Камалбү, мен чынында эле сени аябай сүйөт экенмин, өзүм да билбейм, Мээримди сүйөм деп кантип айтканымды, таарынба мага. Ансыз дагы ата-энеси жок экенин айтсам көңүлсүрөбөй коюшту. Ата-энемдин тилин укпай коюуга акым жок, анткени алар менин бүт баарым! Сени айтсам ата-энесин билебиз, жакшы кишилер деди. Мен сени сүйөм, Камалбү, сен менин бактымсың, ырысымсың. Ылайым сакайып тезирээк менин жаркылдаган жарым бол! Замир" 09. 10. 83-ж. " деп коюптур. Алсыз болсом да жүрөк кургур толкунданып, кубанычка батып турдум. Ошол кезде кайрадан Мээрим көз алдыма келе калып, карааны көрүнгөндө калчылдап барып, эчтеке билбей калдым. Ата-энем үйдө жок эле. Сиңдим ойноп кеткен. Бир кезде апамдын үнүнөн көзүмдү ачсам, ал мени кучактап отурган экен.

- Кагылайыным ай, кайдан да мындай ооруга чалдыгып калдың, каран күн ай, сени жакшы болуп калды дебедимби?

- Апа, эмне болду?

- Эчтеке кызым, көзүңдү ачып отурчу, садага. - Апам мени өпкүлөп, өйдө кылды. Менин көз алдымда Мээримдин элеси таптакыр кетпей ээрчип алды. Апама айтсам дем салдырып, жакшылап карап, күнү-түнү жанымдан чыкпай калды.

Туура жети ай дегенде зорго өзүмө келип, оңолуп калганымда, Замир мени ала качып кетти… - Ушул жерге келгенде Камалбү оор улутунуп алды.

Биз бактылуу жашап калдык, ошол кезде мен абдан бактылуу элем, күйөөм кашымда, кайната-кайненем атымдан айтпай, ата-энем айтчу эркелеткен атымдан айтып Камиш деп турушат. Аңгыча боюма бүтүп, төрөйүн деп калгам. Замир ошол күнү кызуу келди, күндөгүсүндөй эмес, мени бир карап коюп, экөөбүз жатчу бөлмөгө өтүп кетти. Эч нерсени сезбедим, атамдарга орун салып жаткырып, идиш-аягымды жууп бүтүп, анан кирдим. Замир ары карап жатып алыптыр.

- Тур, төшөк салайын, - дедим жанына барып, мындайда ал мени кучактап алып эркелетип, курсагымды сыйпалап, тыңшап, көпкө эркелетчү, бүгүн анткен жок.

- Мээримди эмнеге төрөп келген деп калп айттың? - деди ал ары караган бойдон күңк эте, жүрөгүм болк этип алды: "Кайдан угуп алды, ким айтты?" деп унчукпай тура бердим. - Сен экөөбүздү ажыратканың аз келгенсип, аны өлтүрүпсүң! - деди анан тура калып. - Айтчы, сага эмне керек эле. Мен аны чын жүрөгүмдөн сүйгөм, билсең дагы эле ал көз алдымда, жүрөгүмдүн төрүндө жашап жатат! - деди да, колундагы кагазды бетиме чаба ыргытып туруп чыгып кетти. Мен таштай катып турган жеримде катты ачып, окуп жаттым. "Тажеңе, тайке, кечиргиле, мен мындан ары жашай албайм. Анткени Замир деген жигитти сүйүп калдым, ал дагы мага сүйөөрүн айткан, көп өтпөй эле ал мага келбей калды. Бүгүн аны көрдүм, ал Камалбүгө үйлөнмөк болуптур! Менин күнөөм жетимдигим экен. Ата-энемдин жоктугу менин тагдырыма тоскоол болду, андан көрө бул ыплас, адалдык менен арамдык бирге жүргөн жалган жашоодон кол үзүп, аруу, таза бойдон ата-энемдин жанына кете бергеним жакшыдыр. Өмүр бою ата-энеси жок, жетим дедирбей, чын жашоодо акактай аруулугум менен каалгып учуп жүргөнүм жакшыдыр… Замир менин ата-энемдин жоктугунан эле ата-энелүү кызга үйлөнгөнү жатканы мени ыза кылды. Кечир таяке, тажеңе, мен кетип баратам, апамдан бөлөк өппөгөн аруу денем, боз топурак алдында тынч гана бейпил уйкунун кучагында жатканы жакшы. Кошкула, таяке, кош, тажеңе, мени кечиргиле". Катты мыкчый кармаган бойдон тизелей калып, буркурап ыйлап жаттым. Замир чыккан бойдон кирбеди. Көптө барып, үшүгөнүмдөн төшөк салып, бүрүшө жатып калдым.

Ошондон баштап Замир мени менен жатпай калды, түн бир оокумда келет да, өзүнчө жатып алат. Мен эркек төрөдүм, төрөтканага кайненем, кайын сиңдилерим барат. Ал басып келбеди, уулдуу болгонуна кубанып да койбоду. Же мага унчукпайт, дулдуюп кирип чыгат, уулумду колуна алып жүзүнөн сүйбөдү, чыдай албай балам үч ай болгондо баса бердим… Кийин уксам Мээримдин тажеңеси кийимдерин өрттөп коймок болуп жатып, мектепке кийген фартугунун төшүнөн ошол катты таап алыптыр. Ошондо анын таптаза экенин, эч кандай төрөбөгөнүн, төрт жетим баланын ичинен атайын өздөрү алып келип багып алганын ыйлап туруп айтып бериптир. Тажеңеси Калыйпа андан мурун апама унчукпаптыр, Замирден уккандан кийин: "Камалбү эле өлтүргөн турбайбы, ылайым багы ачылбай Мээримдин өлүмү келсин кызыңа!" деп урушуп кетиптир.

Камалбү ийиндери солкулдап, ыйлап жатты. Жоодар үн дебей отура берди, көптөн кийин гана:

- Андан кийин эмне болду? - деди ийининен ала өзүнө тартып.

- Анан, - Камалбү соолуктап көз жашын аарчып. - Анан Замир менин артымдан келбеди, балам бар экен деп ойлободу, кайненем эки-үч жолу келип кетти. Мен барбадым, ошол бойдон жүрөгүм муз менен таш болду да калды. Сүйүүнү жек көрөм, Жоодар, жалындаган сүйүүм ошону менен суу сепкендей өчтү! - деп Жоодардын төшүнө жөлөнгөн бойдон көпкө солкулдап ыйлап жатты…

Жоодар аны жубатаар сөз айта албады, сүйүүнү билбеген болсо эмне, билип туруп кандай кеп улайт, аны эмне деп жубата алат? Экөө үнсүз кучакташкан бойдон жатып, уктап кетишти.

Жашоо улана берди, бирок Камалбү ошол калыбынан жазбады. Ал сүйүүсүн баласына арнады, энелик гана мээрим төгүп, өзүнүн бул дүйнөдө, жарыкчылыкта жашап жатканын унуткандай жашай берди. Анын бул мүнөзүнө теңтуштары да таң калчу, бири менен сүйлөшүп же мамиле кылчу эмес. Жоодар анын өткөнүн уккандан бери эчтеке дебейт, болгону күнүмдүк жашоо- тиричилик жөнүндө сүйлөшө калганы болбосо, бул үйдө баланын ыйлаганынан башка адам жоктой тып-тынч жашоо өкүм сүрүп калган.

Рая алардыкына Камалбү келгенден кийин анда-санда келип, Жоодарды чакырып кетет. Бир нерсеге шылтоолоп ээрчитип барып, экөө шаша-буша сагынышканын жазат да, кайра келип калат Жоодар. Камалбү эч нерседен капарсыз, тирүүнүн өлүгү сымал Жоодардын кайда барып, кайдан келгени менен иши да жоктой Максаты менен алек.

Бир күнү Эгемберди алардын үйүнө келип калды. Камалбү чайын коюп, жакшы тосуп алды. Жоодар экөө өздөрүнчө сүйлөшүп отуруп:

- Жоодар, эртең эрте сени дүкөндүн жанына күтөм, - деди Эгемберди ага жакындай калып. - Бир келин-кезек болсо тап, болбосо мен табайын, көңүл ачып келебиз. Дилбарга мен кийикке чыгабыз деп койдум.

- Макул, - Жоодар кыска жооп берип тим болду. Бул убакта Камалбү сыртта тамак жасап жүргөн. - Жакшы болду, бир эс алып келели, атасынын гөрү!

- Сөзсүз да, эс алып келебиз, эки-үч күн жүрөбүз, жылуу кийим-кече албасак болбойт, кечкисин үшүйбүз.

- Баарын алабыз өлбөгөн жанга, келинди болсо өзүм табам, өзүм дагы сага тааныштырсамбы деп жүрдүм эле. - Алар сүйлөшүп отурганда Камалбү кирген жок, сыртта жумушу менен алек болуп жатса керек. Максат уктап жаткан. Экөө улам босогону карап коюшуп, сүйлөшүп атышты. Камалбү көптөн кийин гана тамак-ашын алып кирип, дасторкон жайып алдыларына койду.

- Камаштын жасаган тамагынын таттуусун айт, мындай аялды дүнүйөнү түрө кыдырсаң да таппайсың! - Эгемберди аяшын мактай бакылдап, бармагын көрсөтүп койду.

- Ооба, аяшың чын эле тамакты жакшы жасайт.

- Дилбар экөөбүз атайын тапканбыз да, сөзсүз ушул биздин аяш болууга татыктуу деп, - Эгемберди күлүп калды. - Сени атайын шаардан алып келип жүрөм да?

- Азамат, досум, ыраазымын аяш экөөңөргө.

- Камаштай аялды кайдан табат элең болбосо?

- Таппаганымдан жүргөмүн да үч жылдан бери, бойдок болуп, - Жоодар дагы күлүп калды. Камалбү үн дебей отура берди. Алардын сөзүн этибар албадыбы, же укпадыбы ал үчүн баары бирдей сезилди. Жоодар аны улам карап коюп жатты. Ар кимиси сөз сүйлөөдөн жаңылбоого аракеттенгендей туюлуп турду. Бир топтон кийин Эгемберди үйүнө жөнөдү. Жоодар узатып чыгып, анан кирди: "Эгер сөзүбүздү уккан болсо бирдеме дейт, укпаса унчукпайт" деп ойлоп үйгө кирсе, ал эч нерседен капарсыз бала эмигизип отуруптур.

- Эгемберди кеттиби? - деди Камалбү аны көргөндө.

- Ооба, жылуу кийимдеримди даярдап берчи, эртең Эгемберди менен тоого чыгып келейин, эки-үч күн жүрүп калабызбы?

- Мейли, - Камалбү баланы уктатып коюп туруп, анан кийимдерин белендеп жатты. - Үч-төрт күн жүрөсүңбү?

- Ооба, кийик уулайбыз дейт го?

- Ии-ий, өзүңөр билгиле, - Камалбү кийимдерин даяр кылып койду да. - Тамак-аш алып албасаңар болбойт го, ачка болуп каласыңар го?

- Эгемберди алат чыгар…

- Ошент, сен деле алып албасаң болбойт, мен түн ичинде даярдап коем, - деп сыртка чыгып кетти.

Эртеси Эгемберди өзүнүн машинасын айдап алып, болжошкон жерден жолугушту да, жөнөп кетишти. Раяны кечинде эле Жоодар жолугуп, даярдантып койгон. Эгемберди Сабира деген жаш келинди жанына салып алыптыр.

- Жоодар, таанышып алгыла, бул менин көрөөр көзүм, - Эгемберди күлө көзүн кысып койду. - Аты Сабира, а бул досумдун аты Жоодар.

- Биз таанышып алдык окшойт. - Жоодар күлүп калды.

- Таанышканыма кубанычтамын. - Сабира жылмая карап койду.

- Эмесе менин жалжалым менен таанышып койгула, аты Рая. - Жоодар досуна колун жаңсай. - А бул менин бала кезден берки досум, аты Эгемберди, - деди Раяга.

- Мына, таанышып да алдык, эртелеп жолго чыга берели, тээтиги тоонун машина жеткен жерине чейин барабыз. - деп Эгемберди машинасын от алдырып жөнөштү. Тоо этегине жетип, төшөк төшөп, алып келгендерин жайып алып, койкойгон арак-шараптарын коюп, шарактап отурушту башташты.

- Кийик атчу жигиттер, үйүңөргө барганда кандай жооп айтасыңар? - Сабира тамашалай каткырып калды. - Рая экөөбүз го эч кимге сурак бербейбиз. - Биздин кийиктерибиз силерсиңер да, эки сулуу эликти атып алып, тойлоп жатпайбызбы, ха-ха! - Эгемберди санын чаба каткырып, Сабираны кучактап өөп койду.

- Ошону айтсаң, чарчап чаалыгып келдик деп барып калабыз да, - Жоодар да каткырып калды. Андан кийин экөө алып келген козуну союшту да, кичине казанга дымдама жасашты.

- Сабира, калган эттерин Рая экөөңөр бөлүп салып алгыла.

- Макул, - Сабира Эгембердини карап жылмайып койду.

Үч күн жатышты. Жаштыгын эстешип, Эгемберди менен Жоодар экөө эки келинди колтуктап, эки колотто жүрүштү.

- Рая, эмне кылайын дейсиң эми, мен болсо аялым менен баламдан чыга албайм. - Жоодар Раяны колтугуна кысып алып, сурап калды.

- Билбейм, мен болсо сизсиз тура албай калдым, өзүмдүн да башым катып калды.

- Күйөөңдөн дайын жокпу?

- Келгенде болбой койсом, ата-энемдерге кайнатам барыптыр, билбей калдым, кокус боюма болуп калса, канттим?

- Кудай сактасын, - Жоодар ойлуу кете берди.

- Отуралычы? - Рая эркелегендей түр көрсөтүп аны карады.

- Макул, жаным, жашоо деген өтө татаал тетиктерден турат экен, көздү ачып-жумгуча эмнелер болуп кеткенин сезбей да калат экенсиң, отуз төрткө жашым жеткенче көптү көрдүм. - Жоодар Раяны кучагынан чыгарбай ойлуу, көк шиберге отуруп сүйлөп жатты. - Төрөлгөндөн кийин пешенеге жазганын көрбөскө чарабыз жок. Сен али жашсың, оюма койсо сени башкага ыраа көрбөс элем, бирок багыңды байлагым келбейт, - деп ойлуу башын жерге салып, күңгүрөнө отура берди.

- Менин жаштыгым деле билинбей өтүп баратат, шаарга кетип калайын десем, атам жибербей жатат. - Рая улутунуп алды. - Сизге сөз тийгизбейм, эми күйөөм келсе сөзсүз кетем, анан келгенде сизге жолугуп турам, ээ? - Келин эмелеги сумсайган жүзү жадырай, көздөрүн күлмүңдөтө карады. - Сагынганда ар дайым келип турам, макулбу?

- Күйөөң сени жалгыз жибербей кошо келсечи?

- А мен аны ээрчитпейм да?

- Азамат, мен сөзсүз күтүп турам, жолуңду карай берип, бук болуп кетпейминби анан?

- Сагынтпай тез-тез келип турам.

- Ма-акул.

- Эмнегедир өзүмдү Камалбүнүн ордунда болуп калсам эмне деп арман кыла берем, неге мурдараак жолукпадык экен? - ойлуу Жоодардын төшүнөн жыттап алып, башын жөлөй буркурап ийди. - Менин жүрөгүмдө мындан ары сиз гана жашайсыз.

- Эркем десе, ыйлабачы, менин жүрөгүм ооруп кетти. - Жоодар дагы аны чачтарынан сылай өпкүлөп, көк чөпкө уйпалай кетти. Көпкө жатышты. Көктөм маалындагы жайкалган көк шибердин, адырлардагы аңкыган атыр жыттуу гүлдөрдүн жыпар жытына экөөнүн эркелешкен шыбыры кошулуп, айлана көркүнө чыгып турду. Ушул мүнөт, ушул кез, алар үчүн түбөлүк көз алдында, жүрөк түпкүрүндө жашыруун катылган сыр сымал үнсүз жатышты. Төбөдө дүйнө жүзүндөгү жандуунун баарына жылуулук берип, жашоону уланткан күн мээримин чачып, күлүп тургансыды.

- Ээй Жоода-ар! - Алыстан Эгембердини үнү угулду. - Жоода-ар!

- Мен биякта-а! - Жоодар чалкасынан жаткан бойдон үн салды.

- Жо-ода-ар, келгиле тамактанабыз!

- Азы-ыр! - Жоодар кырынан оодарылда да, Раянын чоло жерин калтырбай өпкүлөп. - Жүрү, кардыбыз ачты, Эгемберди бирдеме жасаган го? - деп аны алдына алып, көпкө отурду. Экөө андан кийин да көпкө эркелешип, анан ордуларынан туруп, Эгембердинин үнү чыккан жакка жетелешип жөнөштү.

- Ой, силер кайда житип кеттиңер, махабат дастанын экөөңөр баштай турган болдуңар го, Сабиш экөөбүз силерди күтө берип, тажап кеттик. - Эгемберди бакылдай экөөнү карап, сырдуу жылмайды. - Этиет болгула эми, Олжобай менен Кишимжанча бири-бириңер үчүн өлүп жүрбөгүлө!

- Ошого жетет окшойбуз, сүйүүдө эркиндик болбосо кантебиз анан? - Жоодар да күлө жооп берди. - Уурданып баткан махабат жыргалынын артында: "Кандай болот?" деген суроо турса…

- Досу-ум, сен чындап эле Раядан чыгалбай калгансың го? - Эгемберди Жоодарды ормое карап туруп: - Этият болгула! - деп койду.

- Сүйсөң сүй, кадырына жеткире сүй,

Көңүлүн алдабагын жароокердин

Күтө бил асылкечтин мээримдүүсүн,

Калп сүйлөп сүйөм дебей аны түшүн! - деп Сабира Эгембердини күлүмсүрөй карады. - Мен деле жүрөгүм ооруп же сени кыялбай, аялыңдын койнунда жатканыңда жалгызсырап гана сени эстеп коюп жүрбөйүнбү!

- Алтышкам го менин, экөөбүз башынан сүйлөшкөнбүз, ортобузда сүйүү эмес болгону ойноп- күлөбүз деп, туурабы? - Аны имере тартып кучактап, өөп койду Эгемберди.

- Туура, мен сенин жашооңо кийлигишпейм, бирок эңсетип, сагынтып коюп, өз дүйнөң менен аралашып, бир жүрөктү ооруткан кандай гана жаман? - Сабира көздөрүнө жаш кылгыра ары карап кетти. - Бирөөнүн жары аманат деген чын экен, андан көрө бир эрдин аялы болгон жакшы экен.

- Келгиле, кыздар, шишкебек даяр болду эми, ойлонгондо-ойлонбогондо эмне, бир өмүр баары бир өтөт-кетет! - деп Эгемберди Сабиранын сөзүн уккусу келбей, кленканы жайып, тамак ашын коюп, даярдап кирди.

- Кана эмесе, баарыбыз бак-таалайлуу бололу. - Сабира ызалана стаканды колуна ала үчөөнү карап. - Кудай жамандыктан сактасын! - деп алып ийди. Рая көп ичпей, аз-аздан гана ууртап-татып жатты.

- Жараткан бизге ырыскы берсин, ынтымактуу болуп, ушундай чогулуп, көңүл ачуу көп болсун. - Жоодар дагы кагыштыра ичип жиберди. Төртөө күн баткыча аркы-беркини сүйлөшүп отурушуп, анан машинаны ичине кирип, бири-бирине сүйөнүп, эки-экиден отуруп калышты.

- Күн суук экен ээ, тоо деген тоо экен да, түнкүсүн аябай суук болуп калат тура. - Рая өзүнчө сүйлөп жатты.

- Ананчы, жайлоонун түнү керемет деген ошол да, бийкеч, керемет түндө махабаттын жалынына капталып, сүйүүнүн таттуу, ширин сөздөрүн сүйлөшүп, жылдыз санап коюп, тебешип жатсаң сонун да! - Жоодар анын мурдунан чымчып, эркелете өөп койду.

- Ошону айтсаң, дос, бийкечтердин көңүлүн ачып, шыңк эткен күлкүсүнө мас болуп жатсаң кандай гана ырахат? - Эгемберди Сабирасын кучактап алып, сүйлөп жатты. - Сабиш, сенин үйүң ээн да эки-үч күндө түн жамынып сеникинен жолугуп туралычы?

- Дилбар билип калса, экөөбүздүн тең башыбызды албасын? - Сабира көңүлсүз жооп кылды.

- Барсаңар менин үйүм деле бош, атамдарга бир-эки күн өзүм барып келем, келсе кайра күндүзү эле кетишет. - деп Рая артта отуруп үн катты эле, Эгемберди бакылдап кирди:

- Ой азамат эй, бекер эле ургаачы болуп төрөлүп калыпсың, Рая, эркектен өйдө шар кеттиң!

- Ушундайынан муштумдай жүрөгүмдү уурдап алып, зымпыйып отурбайбы, тоту куштай болуп, - Жоодар кубанычтуу аны карады. - Туурабы, Рая?

- Сиздин жүрөгүңүздү уурдабай эле, көз көрүнөө ээлеп алгамын!

- Туура айттың, - Жоодар ойлуу келинди бооруна кысып-кысып койду.

- Сүйүү-күйүү дейсиңер, дегеле түшүнбөдүм, бул дүйнөгө келдиңби ойно, күл, жыргап өт! - Эгемберди дагы сөзгө кошулду. - Туурабы ыя, Сабиш?

- Менимче сенде жүрөк жок!

- Жүрөктү эмне кылам, жүрөгүм мени башкарып ала турган болсо, андан көрө жүрөгү жок жүргөнүм жакшы! - Эгемберди карсылдап күлүп калды. Түнү бою төртөө сүйлөшүп отуруп, акыркы түн өткөндөн кийин түшкө жакын жолго чыгышты. Айылдын четине келгенде, эки келинди түшүрүп коюп, өздөрү андан ары кетишти. Рая менен Сабира айылга кирип, өз-өз жолдору менен коштошо эки бөлүндү. Сабира күйөөсү өлгөн бай келин беш баласы бар. Эгемберди экөө тең чамалаш, Дилбарды тааныйт. Балдарынын алды алтынчы класста окуп, эң кичүүсү төрт жашар. Алар өздөрүн-өздөрү багып, көнүп калган. Сабиранын күйөөсү өлгөнүнө үч жылдай болуп калган. Бир кыз, төрт эркек, ата-энеси алыскы райондо, бир жылда бир келип-кетип турушат. Ошентип ээн-эркин жүрүп, Эгемберди менен жүргөнүнө аз эле болгон. Бара-бара ар ким менен жүргөндөн тажагангабы же балдары бой жете баштагангабы эки жакка барганын койгон. Ал Эгемберди менен мамилесин үзүүнү ойлонуп кетип баратты…

Жоодар келип эле талпынып "апа-ата" деп калган уулун өөп, көтөрүп ала койду. Камалбү аны бир карап алып.

- Келдиңби? - деди да, астына чай койду.

- Келип калдым, эчтеке жок, тоодо үшүп калдым окшойт, ашказаным ооруп калды.

- Барбай эле койсоң болмок…

- Эгемберди барып келели дегенинен эле…

- Рая үйүндө жок, апасы келип, май, сүзмө алып келген экен таппай калды. Күйөөсү жарашам деп жаткан тура?

- Ийи?

- Апасы эми келсе, кошуп берем деп жатат.

- Өздөрү билет да, - деген менен кыжаалаттана чай ууртап жатып: "Демек аны күйөөсүнө берет тура, эми мен ансыз кантем, ага көнүп алдым эле.. . " деп ойлонуп жатты. Андан кийин Камалбү унчуккан жок. Жоодар төргө төшөк салып, башына жаздык коюп, жатып алып телевизор көрүп атып да, ойлоно берди. Бирок бир чечимге келе албады. Балдары чоңоюп ата-энесинде, алар карып калышса да, эптеп карап жатышат. Камалбүнүн унчукпастыгы болбосо алардын үйүнө да барып, жумасына бир жолу кир-когун жууп берип турат. Максаты да көзүнө жакшы көрүнүп, балтыр бешик болуп калган. Оор үшкүрүнүп алды. Бир ою: "Раяны шаардагы үйгө ала качып кетип калсамбы, анда Максатты Камалбү мага көрсөтпөй алып кетет, балам атасыз өсүп эмне болот, карыган ата-энем эмне дейт" деп ойлонуп жатып туруп, эшикке чыкты. Ары-бери баскан болуп жүрүп, Раянын үйү жакты акырын карап алды. Анын эшиги ачык турган эле. Көрүнүп калабы деп улам карап коюп турганда, ал чыгып бери карап колун көтөрүп койду. Жоодар артын бир карады да башын ийкеп койду. Анан кайра кирип жатып алды. Көп өтпөй эле Рая кирип келди.

- Кандайсыңар, ыя?

- Жакшы-жакшы кел, - Жоодар өйдө боло калды.

- Камалбү кайда кеткен?

- Эшикте жүрсө керек.

- Көрбөдүм го, апам келип үйгө эт таштап кетиптир, мен жалгыз эмне кылат элем, чогуу тамак кылып ичели деп алып келдим, - деп колундагы пакетти коюп, отуруп калганда Камалбү кирди.

- Кел, Рая.

- Келдим, кечээ апам келген турбайбы, жарты койдун этин берип ийиптир атам, жалгыз эмне кылат элем, чогуу салып жейли.

- Апаң менден сураган, кайда кетип калдың эле?

- Ой, бир подругам келиптир, ошонукуна кеткем, жалгыз жаман болуп кеттим зеригип.

- Мен эки-үч күн балам менен жалгыз коркконумдан сени чакырып келмек болуп барсам жоксуң, - Камалбү сырдуу Раяны бир, Жоодарды бир карап койду. - Мындан ары биздикине эле жатып алып жүр, коркосуң го?

- Койчу ай, коркпойм деле, бирок жымжырт, жападан жалгыз чоң тамда жаткан жаман эле… - Рая Камалбүнүн көздөрүнө тигиле карап калды: "Бир нерсени сезип калган эмеспи, күйөөсүн кызганып тургандыр" деген ойго кептеле калып. - Эртең атамдарга барып, эки-үч күн жүрүп келем, үй жакты карап коюп тургула, - деди жайдарылана.

- Карап турбай анан, коңшунун жакшысы бир туугандан да артык, жаманы кас душманыңдай аңдышып турат, буйруса абдан жакшы коңшулардан болоорбуз. - Камалбү дагы Жоодар менен Раяны бир карап коюп отуруп калды. Ал түнү Рая, ошол жерге жатты. Үчөө тамакты асып алып, Жоодар алып келе койгон бөтөлкөнү аз-аздан ичип, отурушту. Камалбү такыр ичпейм деп айта албай кичинеден алып коюп, тамагын карап жатты. Алдыга тамак келгенден кийин Рая Камалбүгө:

- Сен деле алып отурчу, күнүгө эле ичип жаттык беле, мен деле ичпейм, - деп таарыныч кыла кетти.

- Камалбү, алып отур эми, Рая карындашым суранып жатканда, бул да экөөбүздү атайын коңшу деп сыйлап келип жатат. - Жоодар аялына караганда, ал аны бир башкача көз карашы менен карады да, стаканды колуна алып ичип ийип, отуруп калды.

- Рахмат, Камалбү, мына кошуна болуп калдык, мен болсо азбы-көппү бир убакыттан кийин кетем, атамдар менен түбөлүк кошунасыңар, анда-мында келгенимде жакшы учурашып турганыбызга жакшы эмеспи, - деди Рая экөөнү жал-жал карап, муңая. - Минтип жүргөнүм болбойт экен, күйөөм болсо үйлөнбөй мага карап жүрүп алды, эмне кылаарымды билбейм, - деди улутуна.

- Кой, Рая, капалана бербе, сен дагы бир күнү турмуштагы өз ордуңду табасың, - Жоодар анын көңүлүн көтөрө сүйлөдү. Камалбү эч нерсе дебеди. Үчөө көпкө отуруп, анан жатмак болушту. Раяга ички бөлмөгө төшөк салып берди. Өздөрү жаткан бөлмө ага удаа эшиктеш эле. Камалбү дал ушул күнү төшөктө өзүн көрсөткүсү келгендей адаттагыдан башкача ээргип, кыңкыстап жатты. Жоодар өзүнчө кызык абалда: "Демек Рая экөөбүздүн мамилебизди билип калган го, болбосо мындайы жок эле, Рая дагы уктай албай жаткан чыгаар" деп ойлой берди. Рая андан бетер ары-бери оодарылып, тигилердин дабышын угуп, тынчы кетип, көзү илинбей уйкусу качып, чабалактап жатты. Жоодарды уктата койбой Камалбү муну атайын жасап жаткандай болду. Качан гана баласы ыйлаганда туруп кийинди да, жуунуп келип баласын эмгизип, ары карап жатып алып, бейкапар уйкуга кирди. Ички бөлмөдө Рая, аялынын жанында Жоодар уктабай чыгышты. Эртең менен эрте турган Камалбү Раянын уктап жатканын көрүп, жылмая босогодо бир аз туруп, анан өз ишине киришти. Ал экөөнүн мамилесин мурунтан эле билип калган, бирок унчуккан эмес. Түндө атайын Жоодарды уктатпай Раяны уксун деп, өзү ичинен кыжырлана кыңкыстаганы ошол эле: "Мен сага эримди оңой эле бере койбойм, акыры өзүң качып кетүүгө мажбур болосуң" деп ойлоп жатты ал.

- Ай-ий, уктап калыптырмын, ойготуп койсоң болмок, - Рая чыга келип Камалбүгө айтканда, ал мыйыгынан жылмая акырын минтти:

- Түнү менен уктабай таң атканда уктасаң керек, уктасын дедим.

- Ии-ий, уйкум качып… - Рая сөз таппай калды.

- Кээде ошондой боло берет, кез-кезде мен дагы уктай албай чыгам, - деп койду Камалбү. - Жуунуп чай ич.

- Чай ичтим, эртерээк сарайга жөнөйүнчү, үйдөн таппай калган апам сары санаа болуп жаткандыр… - Рая тез-тез басып кетип калды. Дасторкон көтөрүп кирген Камалбү терезеден карап турган Жоодарды карап.

- Отур чай ич, - деди.

- Азыр, - Жоодар шарт терезеден бери боло берип, отуруп калды.

- Рая болбой кетип калды, балким ага оор болгондур… - Камалбү чай куюп жатып айтты муну. - Бечара же эч ким менен сүйлөшпөсө, эрди-катын жаткан жерде толуп-ташып турган жаш келин…

- Мен кайдан билем, жалгыз үйдө чындап эле тажайт да, эрмектешип отургусу келгендир… -Жоодар бир чыны чай ичип эле, туруп кетип калды. Ал азыр Камалбүнүн кылыгына ичинен жини келип турду: "Бул жеткен митаам аял тура, атайын билип туруп жасаганын кара, унчукпай жеңем деген экен, эми Рая мага жолукпайт, болду, баары бүттү" деп сыртта ары-бери басып жүрдү. Камалбү адаттагысындай эле баласын карап, кир-когун жууп, өзү менен өзү алек. Жоодарга үн дебеди, үй ичин жыйнап, билмексен болуп жатты. Ал сезди күйөөсүнүн кыжаалат болуп жатканын, Рая үчүн жүрөгү ооруп, жаны жай албай турганын, бирок эч сыр бербеди.

- Мен Эгембердинин үйүнө барып келейин дагы, жумуш издейин же бизнес кылсакпы? - Жоодар ушинтти да, жооп күтпөй эле чыга жөнөдү.

Эгембердиге жолугуп ичтеги сырынын баарын айтты, ичи түтөп жатты. Ага айткан менен эч нерсе чечилбеси белгилүү, отуруп-отуруп кеч кайтты үйүнө. Камалбү анын келгенине көңүл буруп да койгон жок: "Кайда барат элең, балаң турганда" дегендей көнүмүш адатынча кирип-чыгып жүрө берди.

***

Арадан сегиз ай өттү. Бири-бирине эгиздей окшош таңдар атып, күндөр батып атты. Жоодар мал менен иштесемби деп базардан бир-эки арзан мал алып, семиртип багып туруп кайра сатып, ортодон анча-мынча пайда көрүп жүрдү. Рая менен жолугушуп, андан кечирим сурайм, баарын түшүндүрөм деп канча аракет кылса да анте албады, Баягы бир үйдө бири-бирин тыңшап кирпик какпай таң атыргандан бери Рая алардыкына кирбей да калган. Ошондон көп өтпөй эле аны ата-энеси келип, күйөөсү менен кайра жараштырышты. Анын үстүнө кош бойлуу да болуп калган эле. Курсагым анча байкала электе кетсе кетип деле калайын, мүмкүн күйөөм өзүнүн эле баласы деп ойлоп калар деген үмүт менен ата-энесинин да айтканынан чыга албай кете берди. Камалбү баштагысындай эле эч нерсени билмексен болуп, күнүмдүк үй тиричилиги менен алышып жүрөт. Жоодар короого чыгып, чылым чегип туруп калганда аңгырап ээн турган коңшулаш үйдөн кызыл көйнөгүн желбиретип Рая чыга калчудай болуп аны улам кусалуу карай берет. Камалбүнү башта аяп, түшүнгөнгө аракет кылса, эми таптакыр көңүлү калган. Экөөнүн ортосу алыстагандан алыстап эле баратат. Күндөн-күнгө кызык кылыктары чыга баштаган уулу Максаттын бирдемелерди былдырап сүйлөгөнүн укканда гана ичи элжиреп, көңүлү ачылбаса, азыр мурдагыдай жайдары Жоодар жок. Өзүнчө эле терең ойго батып, тунжурап отура берчү болду. Камалбү го башынан эле ошондой, бары-жогу билинбейт.

Бир күнү түшкү шашкеде экөө адаттарынча телмирип, ар кимиси өз ойлору менен алпурушуп чай ичип отурушкан. Максат гана божурап бирдемелерди сүйлөп, оюнчук машинесин бирде жер төшөккө, бирде дасторкондун четине сүрүп, "бум-бум" деп ойноп жатты.

Бир убакта Камалбү түшүнөн чочугансып үн катты:

- Тиги Рая кошунабыз кыз төрөгөн имиш. Кечээ пособие берип атат дегенинен почтого барсам Айымбү жеңе жүрүптүр. Ошо айтты райцентрдеги төрөтканадан эртең чыгарганы атабыз деп.

- Аа, ырас болгон тура, - деп койду Жоодар кебелбеген түр менен. Ичинен уйгу-туйгу болгонун билдирбегенге тырышып, оозундагы нанды шашпай чайнап, чайдан ууртады. Максаттын оюнуна аралашымыш болуп, дыр-дыр этип алдына келе калган оюнчук машинени уулун көздөй түрттү. Өзү болсо бул жарык дүйнөгө жаңы көз жарган ымыркайдын атасы өзү экенинен күмөн санаган да жок. Анткени Раянын күйөөсү менен жарашканына тогуз ай боло элек да.

Камалбү аны астыртан сынай карап, унчукпай отурганы менен бул жаңылыкты айтсам Раядан биротоло үмүтү үзүлүп, көкшүнү сууйт го деп ойлогон. Тескерисинче, өзү да байкабай Жоодардын айыгып бараткан жараатын тырмап, жаңыртып алганын бу түркөй келин кайдан билсин.

Жоодар чайын ичип бүтүп, сыртка чыгып кетти. Малга чөп салымыш, суу беримиш болуп жүрүп ойлогону кантип бир айласын таап, Рая менен кан-жанынан бүткөн кызын бир көрүп алуу. Төрөтканадан чыга электе жолугуп албаса, үйүнө чыгып кеткенден кийин антиш мүмкүн болбой калат. Же анын жаңыдан бир нукка түшүп келаткан турмушун бузуп, тынчын албай эле койсобу. Рая макул десе эле Камалбү менен ажырашып, ага үйлөнөйүн дейт, бирок улам бир аял алып, бирин кетирип, бир жашоонун агымынан суурулуп чыгып, экинчисине бой таштагыдай жаштыгы деле калган жок. Көз-ачып жумганча эле кырктын кырына чыгып барат, уулдары да бойго жетип калды. Аларды окутуп-чокутуп, үйлөп-жайлап, келечегин ойлогондун ордуна күндө жаш, күндө мас болуп жүргөнү туурабы. Эми Камалбү менен ажырашам десе карыган ата-энеси, айыл-апа эмне дейт?

"Анын үстүнө Рая менин айтканыма көнөбү? Мүмкүн баягы окуядан кийин көрө турган көзү жоктур. Кызымды көрсөтмөк тургай жанына да жолотпой ыргыштап секирсечи? Мейли ал макул болуп, күйөөсүнөн кетип, мен да катын-баламды таштап, экөөбүз баш коштук дейли, анан биздин жашообуз кандай болор экен? Аял катары, ойнош катары го жакты, ал эми өмүрлүк жар катары Рая кандай келин болду экен? Алинадай болуп көзүм ары караса эле көрүнгөн эркекке койнун ача берсе эмне кылам?" Ушуларды ойлоп алып Жоодардын башы катты. Кандай болсо да бир барып жолугуп келейин деп чечти. Рая деле ойлоп аткан чыгар "капыр ай кыз өзүнүкү экенин сопсонун билип туруп, бир басып келбегени эмнеси, ушундай да кайдыгер, жоопкерчиликсиз таш боор неме беле" деп аткандыр, терезени улам-улам ойлуу тиктеп.

Эртеси эртең менен, оңдой салды болуп, Эгемберди келип калыптыр. Адатынча бакылдап көчөдөн эле үнү угулду:

- Ой, аяш, кандайсыңар?

Камалбү короону мизилдете шыпырып, дарбазага жетип калган.

- Жакшы. Өзүңөр кандай турасыңар?

- Абышкаң кайда? Дагы эле сасып уктап жатабы?

- Жок, эчак эле турган.. .

Тыштагы кобур-собур үндөрдү угуп, бир жаагынын сакалы чала-була кырылган Жоодар бети-башы агала көбүк болуп ичкериден чыкты.

- Эген, сен кайдан таң атпай? - деп таң калымыш болгону менен "сени мага кайсы кудай айдап келди" деп кудуңдап сүйүнүп турган. Эки дос кол алышып учурашты.

- Ой, мобу машине кечээтен бери тырылдап жакшы жүрбөй калды. Арткы дөңгөлөгү жактан тык-тык эткен дабыш чыгат. Ушу ходовою өлгөнбү деп турам, - деп Эгемберди көчө тарапты колу менен жаңсай кабагын чытыды.

- Анча-мынчасын өзүң эле чукулап оңдой койчу элең го.

- Кечээ кечке жакшы эле чукуладым. Үстү-башымдын баары карала-торала май болуп, караңгы киргенче алыштым. Жок, СТОго алпарбасам болбойт окшойт.

Досу ушуларды божураганча Жоодар алакандай күзгүгө каранып, сакал-мурутун таптаза кылып кырып, арыдан-бери жууна койду. Ийинине арта салынган сүргүнүн учу менен жаактарын сүрүп:

- Жүрү үйгө кирип, чай ич, - деп Эгембердиге баш ийкеди. Эптеп шылтоо таппай кыйпактап турганда мунун машинеси бузулуп калганы да ырас болгон тура деп өзүнчө эле жымыңдайт. Аны кайда барасың деп тескеген деле киши жок, Камалбү жер астын-үстүн болуп баратса да кебелбейт го чиркин. "Кайда барсаң да уулуңа айланчыктап кайра келесиң да" дегенсип сыртын салат. Ошентсе да, атайын эле Раяга барататат дебесин деп шылтоо издеп атты.

Эгемберди экөө чай ичип атканда Жоодар:

- Мен да сени менен барам, - деп шыбырады. Оозгу үйдө казан-аягын калдыратып жүргөн Камалбүнү көзү менен жаңсап, ээгин кымтып, көзүн кысып койду досуна. Эгемберди да анын оюндагысын айттырбай түшүнүп, атайын эле үнүн катуураак чыгарып, аяшына угуза:

- Жоке, сен да барсаң жакшы болот эле. Машинени жакшы оңдогон бир орус досуң бар эле го, ошого каратып бербесең болбойт. Бош эле белең? - деди.

- Ооба, бош элемин, - деген Жоодар "молодессиң, досум" дегенсип, баш бармагын акырын көтөрүп, мылжыйып алды.

Ошентип экөө райцентрге бет алышты.

- Иий, кыздуу болушуң менен куттуктап коеюн эми сени. Бешик бооң бек болсун! - деп баржактады Эгемберди алар айылдан узаары менен.

- Аны кайдан уктуң?! - Жоодар таң кала карады.

- Кечээ Сабирага баргам, ошо сүйүнчүлөдү. Инисинин келинчеги төрөп ошону көргөнү баргам дейт. Анан эле Рая аны экинчи кабаттан көрө коюп, терезеден өзү кыйкырып чакырыптыр. Кыздуу болгонун айтып, сага кабарлап кой деген экен. А сен кайдан уктуң?

- Мага Камалбү сүйүнчүлөгөн. Аны кой оозунан чөп албаган жоош-момун, бир мүнөз деп жаңылышыптырбыз. Көрсө, сыртынан таштай катып мисирейгени менен бүт былыгы ичинде тура, баарын унчукпай, тымызын былгытат экен.

- Ал эмне Рая экөөңдү билип калды беле?

- Ошондой го. Баягы төртөөбүз кийик уулап келчүдөн кийин, ошол эле күнү көргүлүктү көрсөткөн Рая экөөбүзгө.

- Жаңжал чыгардыбы? Мына сага тамаша! Анын ажылдап кыйкырганы түгүл кишини өйдө карап, үнүн бийигирээк чыгарып сүйлөгөнүн уккан эмес элем.

- Жок, анткен жок. Тымпыйып, бүт былыгын ичине сактаганча ошентип өкүрүп-бакырганы деле жакшы болчу, - деди Жоодар оор улутунуп.

Экөө райцентрдин асфальт төшөлгөн кенен көчөсүнө жеткенде жеңилдей түшүштү. Айылдан берки таштак, аңгыл-дөңгүл жолдо эски "Волга" тыркылдап араң эле келди. Жолду катар эки-үч жолу бузулду, экөө түшө калып, биринен сала бири чукулап атып, жеткиче эстери ооду. Эгембердинин адегенде машинени каратып алалы дегенине болбой Жоодар түз эле төрөтканага айдатты. Аны оңдотуп отурганча жүрөгү алеп-желеп болгон досу чыдамы кетип, жөө жөнөөрүн билген Эгемберди да дароо эле сейил бактын артындагы чоң имаратка бурду.

Экөө элеңдеп экинчи кабаттын терезелерин кыдыра карап келатышты. Жоодар жолдон бир кучак аппак роза сатып алган, анысын коомай кармап, бир колу менен чекесине чыпылдап чыккан терин бет аарчысы менен улам сүртөт. Далай жолу төрөтканага келип, уулдарын чыгарып кетип жүрсө да азыр өзгөчө толкунданып турду. Короодо топураган эл көп, айрыкча кызымтал болгон аталар ар кайсы терезе тушту сагалап, чексиз кубаныч тартуулаган жубайларын мээримдүү карап, бүгүн артыкча камкор, артыкча бактылуу. Баарынын төбөлөрү көккө жетип, кубанычтары коюндарына сыйбай турганы айтпаса да түшүнүктүү да.

Жоодар ойлогондой эле Рая короону тиктеп, терезенин түбүндө ойлуу турган экен. Бирок аныбы же күйөөсүн күтүп аттыбы белгисиз. Ал өйдө жакта, Жоодар ылдый жакта экөө бири-бирин тиктеп туруп калышты. Пакеттеги майда-барат таттуу-паттууну көтөрүп келаткан Эгемберди болсо Раяны көрө салып биздин айылдыктар болуп калбасын деп тартынбай эле, колун булгалап:

- Рая, бешик бооң бек болсун! - деп короону жаңырта кыйкырды.

Антип кыйкырган бир эле ал эмес, элдин баары бака-шака түшүп бакырышып-кыйкырышып атышкандыктан, ага эч ким деле көңүл бурган жок. Рая аны карап жылмая:

- Рахмат. Ичкери киргиле, - деп ары басып кетти.

Жоодар менен Эгемберди экинчи кабатка чыгышты. Баары баягыдай эле, коридордун башында тосмо, андагы төрт бучтуу кичинекей айнекчеден башкасы жабык.

- Кимге келдиңер эле? - деди ак халатчан сары кыз.

- Чоң кыз, биз Раяга келдик эле, агалары болобуз. - деди Эгемберди шыпылдап.

- Аа, Сагынбековагабы? Ал коммерческий палатада, кириңиздер, - деп тиги сары кыз эшикти шарактатып ача баштады. Ушу айнекчеден эле шыкаалашып сүйлөшөбүз го деп турган Жоодар кубанып кетти. Эгемберди медсестра кыздын ак халатынын чөнтөгүнө бүктөлгөн элүү сомдук кагазды салды да, экөө лып этип кирип кетишти. Кире албай бери жакта тургандар "биз деле киребиз" деп жаалдай түшкөндө медсестра кыз ага жеткирбей эшикти шарактатып кулпулап таштады. Ал көрсөткөн палатага экөө шаңыраңдап кирип барышты. Рая таптаза, жарык бөлмөдөгү бийик керебетте өзү жалгыз жатыптыр. Жоодар босогодон аттаары менен эле ал ыргып туруп мойнуна асылды. Чын эле сагынып кеткен экен, солкулдап ыйлап да жиберди. Жоодар да аны кучагына бекем кысып, мойнунан шуу-шуу жыттап алды. Эгемберди адатынча ажыкызданып, ыржалактабай кире бериште дымып туруп калды. Ошол маалда ымыркайды көтөрүп, медсестра кыз кирип келди.

Ал кызды дароо көрсөтүп ийбей:

- Кана, таякелери көрүндүгүңөр барбы? Болбосо кайра алып кетем! - деп тамашалады.

Жоодар алактап төш чөнтөгүн сыйпалап, эки жүз сомдук сары кагазды алып, кызга суна койду. Колуна андан көбүрөөк акча урунса аны деле бермек, кызын тезирээк эле колуна алгысы, таттуу жытынан кумарлана искегиси келди. Акыры аппак шейшепке оролгон чыканактай болгон баа жеткис байлыгын колуна аяр алып, бетин ачканда жашып да кетти.

Жоодар менен Рая ал-жай сурашып, аркы-беркини сүйлөшүп отурушту. Эгемберди экөө кенен-чонон сүйлөшүп алышсын дедиби, керебетте момпоюп уктап аткан наристени карап, ары жакта отурат.

- Атын ким койдуңар? - деп сурады Жоодар.

- Сени койсобу дегем. Атасы эмессиңби. - Рая аны жалжылдай карады. - Кана, кызыбыздын аты ким болсо дейсиң?

- Күйөөң, кайын-журтуң тырчыбайбы?

- Эмнеге тырчымак эле. Өзүм коюп койдум дейм да.

- Анда, атын Айзада коелу. Жакшы ат, ээ?

- Ооба, жакшы, уккулуктуу ат экен. - деп күлүмсүрөдү Рая.

Эгемберди эңкейип эч нерседен бейкапар уктап жаткан кичинекейдин кулагына:

- Эй, сулуу кыз! Сенин атың Айзада. Уктуңбу? - деп шыбырады.

- Кандайсың деги? Эч ким таарынтып, өйдө-төмөн деген жокпу? - деди Жоодар.

- Азырынча эч нерсе деше элек. Күйөөм деле нымтырап унчукпайт, - деп көңүлсүз жооп берди Рая.

- Мейли, эми биз баралы. Жакшы тыңып ал. Кызымды жакшы бак, - деп Жоодар ордунан турду.

Экөө кош айтышып, бири-биринин кучагынан араң бошоп сыртка жөнөштү. Эгемберди алдыга чыгып баратты эле эшикти ача салып, эки колуна эки баштык көтөрүп кирип келаткан толмооч кара аял менен сүзүшүп ала жаздады. Жоодар менен Эгемберди "кокуй, өз убагында чыккан турбайлыбы, бир аз кармалсак Раянын кайын журтуна кабылып, шерменде болмок экенбиз" дегендей артын карабай ылдам басып, сыртка чыгып кетишти.

- Ай, келин, буларың ким? - Кайын эжеси Раяны жеп жүберчүдөй акырая карады.

- Жөн эле адашып кирип алышыптыр, башка палатаны издеп жүрүшкөн окшойт, - деп койду Рая сыр бербей.

Камалбү акыркы убакта бир башкача болуп жүрөт. Замир менен ажырашкандан бери таштай каткан жүрөгү Жоодар менен турмуш кургандан бери деле бир жылыбады. Канчалык өзүн-өзү алдап, ал каргашалуу күндөрүн унутайын десе да болбойт, кээде анын айынан өз жанын өзү кыйган Мээрим күн алыс түшүнө кирип, басса-турса эсинен кетпей беймаза кылат. Өз башына өзү балээ үйүп, кайдан да Замир экөөнүн ортосуна тура калды эле. Эмне айылда андан башка жигит жок беле. Сүйүүң менен сүмүрөң калгыр! Сүйгөнүмө жетем деп атып, жок жерден Мээримдин өлүмүнө себепкер болду, өзүнүн, Замирдин бактысына балта чапты. Эми минтип уулу бир жакта, өзү бир жакта.

Дагы да болсо уучу кур эмес экен, Жоодардай жадыраган жарга туш кылды кудай, Максаттай уул берди. Андан артык дагы эмне керек эле. Бирок Камалбү кудай берген түнт мүнөзүн өзгөртө алган жок, башынан өткөн кайгылуу окуяларды унута албады, белчеден келген сормо сазга батып эле бараткансыйт. Башынан эле жаркылдап-жайнап Жоодарды өзүнө имерип алса, ал да башка кыз-келиндерге көз артпайт беле. Рая кеткенден бери баштагыдай элжиреп-эзилбей, күн алыс кучактап, тийишмейи да калды. Эртеден кечке үңүрөйүп жүргөнү аз келгенсип, кеч кирди эле артын карап, уулун кучактап жатып алат. Дагы бирөө-жарымды таап алса керек. "Эми эрдимди тиштеп өкүнгөндө эмне пайда, андан көрө эптеп бир айласын таап, Жоодарды кармап калайын. Антпесе эми мени ким алмак эле. Баягы баланчанын кызы дагы күйөөдөн чыгып келиптир деп кеп-сөзгө калып, атамдын төрүндө отурмак белем" деп ойлоп койду Камалбү. "Жок, канчыктар, силерге алмончоктой эримди тарттырып жибере турган мен эмесмин. Керек болсо өлүмдөн да кайра тартпайм. Бир уулумдун ата мээримин көрбөй өсүп атканы деле жетишет" деп өзүнчө ызырынып да алды. Ушинтип өзү менен өзү кеңешип, өзү менен өзү кобурап сүйлөшүп, ойго батып отура бергенге көнүп калган.

Өгүнү Сыргабү келип, кошуна айылда бир көзү ачык бар экен, оору-сыркоолорду да көрүп, төлгө салат имиш, айтканы айткандай, дегени дегендей чын чыгат экен деген. Жоголгон мал-жанды таап берип, ысытма-суутма дегендерди да укмуш жасайт экен деп бежиреп көпкө отурду. Камалбү негедир азыр анын айтканын эстеди, ошо көз ачыкка баргысы келди. Эрим экөөбүзгө ысытма жасап бер десе окшойт. Балким кайрадан кабагы ачылып, мурдагы калыбына келип калар.

Эртең менен эрте туруп, уйларды саап, бадага кошуп келди да, жуунуп-таранып, кошуна айылга камына баштады. Жоодарга "Максатты карап тур, мен апамдарга барып, алардан кабар алып келейин" деди эле ал баш ийкеп, эмне кылсаң ошо кыл дегендей кайдыгер карап койду. Уулу менен эринин курсагын тойгузуп коюп, саат сегиздеги автобуска түшүп кетти.

Кошуна айылга жетип эле көчөдө чурулдап ойноп жүргөн балдардан көзү ачыктын үйү кайсы десе алар биринен бири жарыша айтып беришти. Анын үйүн жакындаганда өзү деле тааныды. Короо толо быкылдап кезек күткөн элдин аягы көчөгө чейин жетип калыптыр. Ар кимиси ар башка көйгөйү менен келген, кээ биринин догдурлар айыккыс деп ооруканадан чыгарып салган оор дарты болсо, айрымдары жакындарын же мал-салын жоготуп алып, карайлап таппай келгем дейт. А кээ бирөөлөр, өзгөчө Камалбү өңдөнгөн кымырылып-кысынып араң турган кыз-келиндердин эмне максат менен келгени ансыз да белгилүү. Жупуну эле салынган үйдүн алдында бир киши эшикти тосуп туруп алып, келгендерди тизме боюнча ичкери кийрип, колундагы журналга бирдемелерди жазып атат. Кезекке турса, кечинде да кире албасына көзү жеткен Камалбү эмне кыларын билбей делдиреп туруп калды. Анын артынан келген бир кемпир таягын таянып барып, тиги улагада турган кишиге бирдемелерди айтып, кайра артка кетип баратты. Камалбү аны утурлай басып:

- Апа, жакшысыңар, - деп учурашты.

- Жакшы, кагылайын, сен ким элең? - деп кемпир аны бүшүркөй карады.

- М-мен да бу көзү ачыкка көрүнөйүн деп келдим эле. Кантип киреримди билбей турам. Үйдө чиедей балдарым жалгыз калды эле.. .

- Ак кагылайын, буларды күтсөң бүгүн кире албайсың, андан көрө тиги Макенге жазылып коюп өчүрөтүң келгенде кел. Мен ошентип кетип баратам. Бутум тиземен ылдый какшап ооруйт, белим зыркырайт, бу жерде тура албайм. Өх! - деп кемпир үшкүрүп алып, илкий басып дарбазадан чыгып кетти.

- Рахмат, апа! - деген Камалбү жанагы кемпир айткан кишинин жанына барды. Макен анын аты-жөнүн журналга жазып:

- Ай келин, өчүрөтүң бүрсүгүнкүгө туш келди. Бирок агүнү жума болуп калат, көзү ачык кабыл албайт. Сен ишембиде кел, уктуңбу? - деди.

Камалбү макул дегенсип башын ийкеп короодон чыгып кеткенче шашты. Көчөнүн башына чыгып автобуска түштү да, төркүндөрүнө келди. Уулун көрүп, апасынын, бир туугандарынын ал-акыбалын сурап, ала келген чай-чамегин берип коюп үйүн көздөй жол тартты. Көзү ачыкка кире албаса да кезекке жазылып койгонуна өзүнчө корстон болуп келатты. "Касиеттүүлүгү анык болсо жүрөгүмдү өйүгөн, келемиштей эле ичтен кемирип, ичкенимди ирим, жегенимди желим кылган жаман ойлордон, түштөрдөн арылтаар" деген илгери үмүткө берилип, жеңилдей да түштү.

Үйгө келсе Жоодар уулу экөө эшикти кулптап, көчөгө чыгып калышыптыр. Жоодар Камалбүнү көрө коюп:

- Аа, келип калдыңбы? Апамдар кандай турушуптур? - деп сурады.

- Жакшы эле. А силер кайда жөнөдүңөр?

- Жайнак уулдуу болуптур, Эмлис сүйүнчүлөп кетти. Жанатан бери сени келип калабы деп күтсөк жоксуң, анан мал-жайды кошуна Сагынга дайындап коюп атамдардыкына кетип баратканбыз.

- Иий, жүргүлө анда, - деп Камалбү эри менен уулун ээрчий басты. Үчөө андан ары үйгө жеткенче үн-сөз жок, алдынан чыккан айылдаштары менен баш ийкешип учурашып гана келатышты.

Салима ай күнү жетип калса да Жайнактын "жаныңды көп кыйнабай эс алсаңчы" дегенине болбой эрте туруп чоң казанга суу ысытып, кир жууй баштады. Бир чети аныкы да туура болчу. Төрөтканага кеткенче алардан арылбаса кайра келгенче додо болуп кетмек. Анын үстүнө жаңы төрөгөн неме баласы менен алышып тыңыраак оокат да кыла албай каламбы деп чочулады. Кир жуугуч машинеге бир-эки сыйра айлантып алып, чайкап жайып койгондун эмне оорчулугу бар экен. Эрнис менен Эмлис окуудан келе калып, кол кабыш кылып жиберишти. Бирок алар келгенче эңкейип-тоңкоюп көбүрөөк кыймылдап койгон окшойт, бели сыздап ооруп, денеси талыкшый түшүптүр. Жамийла да бөкчөңдөй ары-бери басып, челкейип алып керээлден кечке жаны тынбаган келинин бир чети алкаса, бир чети жаш неме кыйналып калбаса экен деп кейийт. Анткен менен кошо кармалашайын десе же баштагы ал-күчү жок, эптеп эле сыртка чыгып, кайра киргенге араң жарап калган. Жок дегенде абышкасы экөөнүн кир-когун өзү жууй турган акыбалы болсо эмне, тиги байкуш келинине бир аз болсо да жеңилирээк болбойт беле.

Түшкү чайга отурушканда Салима барыгып, эки бети тамылжып, кыймылы оорлоп калганын байкады кыраакы кайын эне.

- Ээ, айланайын, деги кириңди жууп бүттүңбү?

- Ооба, апа, аз эле калды, азыр чайкап жайып койсом эле болду.

- Жок, садагаң болоюн, бүтпөсө кара жерге кирсин. Жатып эс ал, кагылайын, күн да аябай ысып турат, башыңа күн өтүп кетпесин.

- Эми биртке калганда таштап салмак белем, апа. Эч нерсе болбойт, азыр калганын жайып, Эрнис экөөбүз машинени очок үйгө киргизип коелу. Эрнис, чайыңды ичип бүткөндө келип кал ээ, - деп Салима дасторконго бата кылып, сыртка чыгып кетти. Жамийла менен Артыкбай чайнектеги актаган чайдан куюп шашпай ичип, кобурашып өткөн-кеткенди сүйлөшүп, көпкө отура беришет. Жайнак кой кайтарып төштө жүрөт. Эмлис ага чай-нан алып, көк эшегин минип артынан кеткен. Айдана жеңесинин жанында ойноп жүрүп эле бир убакта үйгө чуркап кирди.

- Эне, эне! Жеңем кемегенин жанына жыгылып калды!

- Ыя, кокуй! Мына баратам! Какый бутум! Эрнис сен ылдамыраак эмессиңби, чуркачы! - деп бакырды Жамийла. Эрнис ал анте электе эле сыртка атып чыккан.

- Жеңе, сизге эмне болду?! - Эрнис эмне кыларын билбей, жеңесин жөлөп-таяп тургузайын дейт. Салиманын аппак жүзү кумсарып, кара терге түшкөн. Дем алганы оорлошуп, кускусу келет. Келин ичин кучактаган бойдон селейип отуруп калды. Аңгыча Жамийла да жетип келди.

- Алдыңа кетейин, кыймылдабай ошо жерде отура тур. Толгооң башталган тура. Эч нерсе болбойт, балакетиңди алайын, жаныңа күч келтирбе десе болбой.. .

- Апа, мен жакшынакай эле тургам, анан эле көзүм караңгылап, ичим түйүлүп ооруп кетти.

- Эку, тур, кошуна келинди чакыр! Айланайын, бол бачым!

Эрнис чымын-куюн болуп Керимбайдыкына чуркады. Короого баш багып эле:

- Бурмаш апа, сизди энем чакырып атат. Болуңуз, жеңемдин толгоосу башталды! - деп бакырды. Андан ары чуркаган бойдон төштө кой жайып жүргөн Жайнак абасына кетти.

Бурмаш шашкалактап этегине мүдүрүлүп-чалынып жыгылганы жаздап Жамийланын жанына жетип барды. Экөөлөп келинди төркү үйгө жөлөп-таяп киргизишти, алар кирип баратканда Артыкбай чепкенин желбегей жамынып сыртка чыгып кетти. Эки байбиче бир топко убараланып, биринчи ирет төрөп аткан жаш келинди экөө эки жагынан чыгып алдап-соолап, жалынып-жалбарып атышып, аман-эсен көз жардырып алышты. Кечке ыйынып-ычкына берип эси оогон Салима балканактай уул төрөп, жаңы гана көшүлүп жатканда атын кара терге түшүрө чапкылап Жайнак келип калды. Бурмаш шакылыктап алдын тосуп чыгып:

- Ой Жайнак, сүйүнчү, уулдуу болдуң! Кана, сүйүнчүсүн бере сал! - деп кыйкырды. Жайнак да тун уулуна жетине албай барбалактап кубанычы койнуна батпай:

- Болсун, Бурмаш апа, болсун! - деп алактап, эмне сүйүнчү берерин билбей турганда үйдөн Жамийла чыгып калды. Жайнакты эки бетинен сүйүп:

- Бешик бооң бек болсун, кагылайын! Бурмаш апаң уулуңдун киндик энеси болду, чоңураак бир нерсе бербесең болбойт эми сүйүнчүсүнө, - деди күлүмсүрөп.

- Макул, макул, Бурмаш апа, азырынча бул, калганын өзүм жетелеп барып берем, азыр уулум менен келинчегимди көрүп алайын, - деген Жайнак чөнтөгүнөн беш жүз сомдук кызыл кагаз алып чыгып Бурмаштын колуна кармата салды. Артыкбайдын үйү кубанычка толуп, бапырап эле жатып калышты. Көп өтпөй медпунктта иштеген медсестра келин Гүлмираны чакырып келишти, ал ымыркайды жууп-тазалап, таразага тартып, Салиманын денсоолугун текшерди.

- Жеңе, небере кут болсун! Эптеп медпунктка жеткирсеңер, өзүбүз кам көрбөйт белек, толгоосу башталганын байкабай калдыңызбы? - деди бир аз капалана.

- Ой, садагаң болоюн, суусу кетип, баланын башы чыгайын деп калса медпункт эске келди дейсиңби! Орто жолдон төрөп салмакпыз анда.

- Болуптур эми, аман-эсен бошонуп алыптыр. Дагы жакшы без осложнений болуптур же болбосо биз да тил укмакпыз.

- Ооба, кудайым сактады, байкуш Бурмаш чуркап келе калып, чоң керекке жарады. Менде кайдагы ал-күч дейсиң, турсам отура албай, отурсам тура албай калбадымбы. Тээ илгери Артыкбай экөөбүз колхоздун малын кайтарабыз деп талаа-түздө жүрчүдө мен деле балдарымдын баарын тоодо төрөгөм. Ушу калп айтпасам Жайнак менен Айзатта гана догдурга баргам.

- Эми, жеңе, анда келиниң кайнененин камырынан дегендей өзүңдү тартып, үйдөн эле төрөйүн деген тура. Кой, жаңы төрөгөн немени ары-бери сүйрөп кыйнабайлы, өзүңөр эле үйдөн тыңытып алгыла. Метиркесине Жайнак же сиз келерсиңер, - деп Гүлмира дасторконго бата тилеп, сыртка чыгып баратып:

- Баса, атын ким койдуңар? - деп сурады.

- Аны чоң атасы койсун дешти эле, абышка азыр көз айнегин мурдуна кондуруп, китептерин жайып ат тандап отурган кези, - деп күлгөн Жамийла медсестра келинди иттен чыгарып, кайра келди.

Жоодарлар келгенде короодо мал союлуп, казан асылып, Артыкбайдын небересин, Жайнактын тун уулун жууп келген тууган-туушкан бака-шака түшүп атышкан. Камалбү кирип келип эле оокатка аралашты. Үч-төрт жумуртка чегип ийип, арыдан-бери камыр жууруп, жука кылып жая салды. Бир кылка ичке кесип, этти чыгараар замат бешбармак жасаганга даярдап, супарага жайып койду. Адатынча үңкүйүп дайыма жасап жүрчү жумуштарын айттырбай кылып жүрөт.

Эт бышып, беш бармак алдыга келгенде Артыкбай менен Жамийла кубанычын тең бөлүшүп келгендерге ыраазычылык билдиришти. Небересинин атын экөө кеңешип атып, эл-жеринин керегине жараган азамат уул болсун, курч, өткүр, кайраттуу жигит болсун деп Кайрат коюшкан.

- Рахмат, кагылайындар, жанатан бери айтылган калоо-тилектериңер кабыл болсун. Ылайым Кайратым өмүрү узун, денсоолугу чың, ыймандуу, ырыс-кешиктүү уулдардан болсун, - деп бата берди Артыкбай маңдайы жарыла сүйүнүп.

- Баланын туулганына эмес, турганына сүйүн дейт, кичинекейди көрсөтпөй койду деп капа болбогула, кыркы чыккандан кийин келип көрүп кетерсиңер, - деди Жамийла.

Ошентип тамак желип, колго суу куюлган соң жаңы дүйнөгө келген перзенттин өмүрүн тилеп жапырт бата кылышты да үйлөрүнө тарашты.

Жоодар менен Камалбү да уктап калган Максатты көтөрүп үйгө келишти. Үйдү кайтарып жаткан кошунанын тестиер эки баласы телевизор көрүп отурушуптур. Үй ээлери келгенден кийин алар ала келген боорсок менен момпосуйдан тое жеп, чөнтөктөрүн кампайтып өз үйүнө кетишти.

Камалбү төшөк сала баштады. Жоодар сыртка чыгып, сарайда жуушап жаткан малды карап келди да, жолду катар шылкылдап ойгонуп да койбой эми момпоюп уктап аткан уулун чекесинен өөп, жанына кыйшайып жатып калды. Жайнактын жоро-жолдоштору менен бир аз сеп этип алган, жаздыкка башы тиери менен эле уйкуга кетти. Камалбү болсо чебелектеп бир топко чейин уктай албай жатты. Күндүз барып келген бакшынын эл батпай быкылдаган короосу, кыдырата тизилип отуруп алып, оорусуна чыдабай онтогон сыркоолор, керээлден кечке кезерип кезек күткөн элдин муңайым жүздөрү көз алдына тартылды. "Кудай ай, деги ушунумдан бир майнап чыкса экен, бакшысы чын эле касиеттүү неме болуп, Жоодар экөөбүздүн сууп бараткан ортобузду жакындатса экен, баштагысындай жаркылдап-жайнап, менден башка аял аттууну карабай калса экен ылайым эле" деп ичинен кудайга жалынып, оор улутунуп алды. Көзү илинип баратты.. .

.. . Жадыраган жаздын күнү, жыты буркураган сирень гүлдөрү бажырая ачылган. Сирень гүлү май айында ачылат эмеспи, ооба, май айы. Теребел жымжырт, көчө ээн, анда-санда чыйк-чуйк этип сайрап, төбөдөн кайкып учкан чабалекейлерден башка бир да кыбыр эткен жан көрүнбөйт. Камалбү өзүнчө эле кудуңдап кубанып, бир жакка кетип баратат. Көкүрөгүнө кыса кармап алган эки китеби бар, күрөң көйнөгүнүн үстүнөн ак фартук тагынып, чачына да ак бантик байлап алган. Тигине айылдын чок ортосундагы заңгыраган эки кабат мектеби да көрүндү. Мектепке экзамен тапшырганы бараткан тура. Кызыл-тазыл гүлдөр жана жайкалган жашыл шиберлүү алма бак менен курчалган мектебинин короосуна жаңы гана кирип, имаратты көздөй бет алганда асман түнөрө түштү. Кайдан-жайдан түрүлүп келе калган кара булут күндүн бетин толук жаап алды. Заматта көчөнүн чаңы көккө сапырылып, айлана алай-дүлөй болуп кеткенсиди. Камалбүнүн да негедир жүрөгү сыгылып, көңүлү чөгө түштү. Эмеле мектептин короосуна кирип баратпады беле, анан кантип кимдир бирөөнүн чоочун короосуна келип калды. Элеңдеп эки жагын карайт. Үңүлдөгөн ый угулган тарапты карай калса талдын түбүндө өзүнүкүндөй ак фартукчан бир кыз отурат. Бүк түшүп алып ыйлап аткандай. Жакын барып, ийинден түртүп:

- Эй, сага эмне болду? - деп сурады. Тиги кыз башын өйдө кылып, жалт караганда Мээрим экенин тааныды. Бирок негедир көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй чакырайып, караганы бир башкача, чачтары саксаят.

- Мээрим! - Камалбү чочуп кетип, колун тартып алды. Алаканы кызарып кан болуп калган. Алаканындагы кан салааларынан сызылып билегинен ары агып баратты. Камалбү бир кызыл-ала кан болгон колун карап, бир Мээримди карап алайып турат. Эми Мээримдин көздөрүнөн шорголоп аккан жашы да канга айланды. Ал ордунан туруп, өзүн көздөй жүткүнгөндө Камалбү артка кетенчиктеп:

- Аа! - деп ачуу чаңырып жиберди.

Камалбү бакырып ордунан тура калды. Бүткөн бою калчылдап, муздак тер баскан. Төшөгүндө селейип отурган бойдон бети-башын кармалап, жанында жаткан Жоодар менен уулун көргөндө гана мунун баары түшү экенине көзү жетти.

- Өх, түшүм тура! - деп күбүрөнүп, оор үшкүрүп алды. Энтиккен демин араң басып, жакасын карманып, келме келтирди. Экөө бирдей мемиреп уктап аткандарына караганда Камалбү катуу деле бакырбаса керек. Өзүнө эле ошондой туюлган го. Эри менен уулуна ыктай жатып, кайрадан кудайга жалынды: "Оф, Кудай ай, жаштыгым менен кылган күнөөмдү кечирсең боло! Ансыз да ошонун айынан башкаларга окшоп ойноп-күлүп, капарсыз жашай албай, бассам-турсам жалгыз өзүңдөн кечирим сурап жалбарып, азап тартып келатам. Дагы канчага чейин ушинтип жазалай бересиң?! Канткенде бул күнөөмдөн арылып, Мээримдин арбагы ыраазы болот?!"

Ары-бери оодарылып, түйшөлүп атып, көптө барып уйкуга кетти. Бул жолу Мээрим андан ары анын тынчын алган жок. Өйдө жактан акырая карап бир саамга турду да, абага сиңип жок болуп кетти.

Бүгүн күнгө ишемби. Жоодар таң эрте туруп, бир айдан бери багып аткан эки букасын алдына салып мал базарга кеткен. Камалбү да Жоодар базардан келгенче барчу жагына барып келип калыштын камын ойлоду. Максатты ойготуп, курсагын тойгузуп, кийинтип алып, колунан жетелеп көчөгө чыкты. Кошуна келиндикине кирип:

- Жакшысыңар, жеңе, - деп учурашты. Кошунасы Сагын иш билги колунан көөрү төгүлгөн уста, келинчеги Ажар да өзүнө жарашып, чебер ууз аял. Эртеден кечке күйөөсү такылдатып така ийип, ат жабдыктарын жасаса, жубайы курак курап, ийик ийрийт. Ал эле эмес Сагын боз үйдүн уук-керегелерин келиштире камдаса, Ажар аземдеп туш туурдук саймалап, шырдак-кийиз оюп, ички-тышкы жасалгасын бүт өзү бүтүрөт. Айылда келин алып, кыз бергендерден тышкары чет өлкөлүк туристтерге да анын айрымдарын кымбат соодалап бардар жашашат. Мына азыр да тоодой үйүлгөн жүндү бир четинен түркүн түскө боеп короого жайып атышыптыр.

- Жакшы, Камалбү. Кайда жөнөдүң? - деди Ажар бир колуна баштык, бир колуна уулун көтөргөн келинди карап.

- Тиги апамдардыкына барып келейин дедим эле. Өткөндө барсам сыркоолоп атыптыр. Бүгүн да барып көрүп келейин деп.. . - Камалбү калпы чыгып калчудай болуп, мукактанып жер тиктеди. - Жоодар да мал базарга кеткен. Үйгө көз сала турасыздарбы. Мен тез эле.. .

- Ооба, карап турбай анан. Бүгүн кечке мобунун баарын боеп, үйгө деле кирбейм. Камсанабай бара бер, кудагыйга салам айт.

Камалбү баласын көтөргөн бойдон шыпылдай басып, автобус токтоочу аялдамага жөнөдү. Эки айылдын ортосундагы чаңы ызгыган өңгүл-дөңгүл жол менен кылдырап, жарым саатка жетпей өйдөңкү айылга жетти. Тааныш көчөгө түшүп, баягы көзү ачык эл көргөн жепирейген үйгө барды. Эртерээк келгенгеби бул жолу короодо эл өткөндөгүгө караганда азыраак, Камалбү дароо эле эшиктин түбүндөгү олбурлуу кишиге келди.

- Кел, кызым, кезекке жазылдың беле?

- Ооба, шаршембиде жазылып кеткем. Бүгүн кел дегенсиз.

- Атың ким эле?

- Камалбү.

- Та-ак, азыр, - деп Макен айрылып, тарпы чыгып калган дептерди барактап, үңүлө карап атты. Акыры Камалбүнүн атын таап:

- Аа мына таптым. Ай, келин, сен тээтиги көк жоолукчан кемпирден кийинсиң, ошонун артына тур, - деди.

- Рахмат, - деп Камалбү уулун жетелеп тиги киши көрсөткөн кемпирдин жанына барды. Ал өгүнү таяк таянып аксаңдап кетип бараткан кемпир экен.

- Арбаңыз, апа. Мени таанып атасызбы, мурдагүнү ушу короодон сүйлөшпөдүк беле, - деди Камалбү.

- Ой, жо-ок, садага, мен азыркыны азыр эле унутуп калам, кудай мээни алып салбадыбы. Өңүң жылуу учурайт, Асилбайдын кызы эмессиңби? - деп кемпир оорулуу тизесин ушалап, көздөрүн жүлжүйтө маңдайындагы келинге тигилди.

- Жок, ал эмесмин, - деген Камалбү кемпир отурган узун отургучтун бир четине көчүк басты.

- Бу уулуңбу? Аты ким?

- Максат.

- Иий, какылайын десе, эмнеси ооруйт?

- Эч жери оорубайт. Көзү ачыкка өзүм көрүнөм.

Ошентип кемпир менен кобурашып отуруп, бир саат дегенде араң кезеги жетти. Ырас болбодубу антпесе Максат да отура бергенден жадап: "Апа кеттик, атама байам" деп чыргоолой баштаган.

Босогодо турган киши аны карап кире бер дегендей ишарат кылганда ордунан туруп, босогону аттады. Кире беришке тапичкесин чечип, ичкери кирди. Жупуну бөлмөнүн ичи караңгы тартып турат. Төрдөгү шам жагылган үстөлдүн жанында ак жоолукту чүмкөнүп кашы чийилген орто жаштагы аял отурат. Улагада турган Камалбүнү карап, мында отур дегендей белги берди. Камалбү бутунун учу менен басып келип, тиги аялдын жанына тизелеп отурду.

- Аа, көрүп атам, көрүп атам, - деп күбүрөдү көзү ачык көзүн аңтарылтып. Камалбү эмнени көрүп атты болду экен деп элейип аны караган бойдон катып калды. Берки аял башын чулгуп, отурган ордунда ары-бери чайпала баштады. Колундагы теспесин тыпылдата тартып, бирдемелерди күбүрөнөт, же эмне деп атканы даана угулбайт. Камалбү кулагын түрүп, тиги аялдын тебиреген оозун тиктеди. Бир убакта көзү ачык:

- Сен бир бул дүйнөдө өз ордуңду, жаныңа жай таппай жүргөн күнөөкөр пенде экенсиң, - деп күңгүрөнө сүйлөдү. Анан бир азга дымып калып, кайра ээги-ээгине тийбей тыбырап өзүнчө бирдемелерди шыбырап атты. - Жүрөгүңдү көптөн бери өйүгөн бир маселең бар. Ага жакында дагы бирөө кошулду, - дегенде Камалбүнүн көзү чакчайды.

- Аны кайдан.. . - деп баратып токтоп калды, бу аял көзү ачык эмеспи ошондуктан билип айтып атат да деди өзүнчө.

- Кана, айт эми, эмне көйгөйүң бар? - деп суроо салды ак жоолукчан көзү ачык аял. Камалбү тамагын кырып, жөтөлүп алып:

- Эмнеден баштаарымды да билбейм, эже, суранам мага жардам бериңизчи, мектепти бүтүп атканда курбум муунуп өлүп калган, ошо түшүмө кирет. Кээде түшүмдөн чочуп ойгонуп, таң атканча уктай албай чыгам.

- Анын бу дүйнөдөн кечишине сенин тиешең барбы?

- Мм.. . Ооба бар го.. . - деп Камалбү болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берди. Көзү ачык аял көздөрүн жумуп, колундагы теспесинин шуруларын бирден сыдырып, ойлуу угуп отурду. Анан башын чайкап:

- Мээрим өз жанын өзү кыйган тура, андайларга тиги дүйнөдө бейиштин эшиги жабык, сенден өч алгысы келеби же бир нерсе үмүт этеби азырынча айта албайм, түн ортосунда шам жагып, колдоочуларымдан тактап сурайын. Сага бирөө кара дуба окуп коюптур. Ошону жандырбасаң болбойт. Кыйналганыңдын баары ошондон болушу мүмкүн - деди.

- Аны кантип жандырам. Сиздин колуңуздан келеби?

- Албетте, кудайдын кудурети менен анын баарын жасаганга болот. Эмкиде бир пачка чай, шыпыргы ала кел. Баклашкага суу куя кел. Экинчи маселеңди айтчы.

- Жолдошум экөөбүздүн ортобуз алыстагандан алыстап эле баратат. Эже, сиз ысытма окуп бере аласызбы? - Камалбү каршысында отурган аялды жалдырап карады.

- Сүрөтүн ала келдиң беле?

- Жок.

- Эмкиде ала кел. Эч нерсе эмес. Баары сен ойлогондой болот. Ал жагынан кабатыр болбо. Аны да эмкиде айтам эмне кылышты. Кел эми бата тилеп коелу, - деп көзү ачык эки колун жайып калды. Камалбү буйдала түшүп, баштыгындагы капчыгынан элүү сом алып чыгып, үстөлгө койду. Көзү ачык аны дасторкондун астына кыстарып, көзүн сүзүп, күбүрөнүп бата кылды.

- Рахмат, эже. Жакшы калыңыз, - деген Камалбү бурчта ойноп отурган уулун жетелеп, сыртка чыгып баратып артына кылчайып: - Эми качан келейин? - деп сурады. Дасторкондун четин ачып, акчаны чөнтөгүнө салып аткан көзү ачык келинди жалт карап:

- Дүйшөмбүдө кел. Эриңдин кийип жүргөн көйнөгүн да ала кел, - деп койду.

Камалбү көзү ачыктан чыгып, энесиникине келди. Энеси чын эле бир аз сыркоолоп аткан. Кызынын бат-бат каттап калганына таң калып сураса, "жөн эле жаман түш көрүп, анан сиздин табыңыз айнып аткан го деп эле келип калдым" деп койду Камалбү. Жоодар экөөнүн супсак мамилелери жөнүндө да, көзү ачыкка барып атканы жөнүндө да ооз ачпады. Экөө өткөн-кеткенди сүйлөшүп отурушканда Салыйка кызын аста карап:

- Баягы Замир кырсыктап.. . - деп барып андан ары айтсамбы же айтпай эле койсомбу дегендей мукактана түштү.

- Замирби? Ага эмне болду? - деп Камалбү энесинин бырыш баскан жүзүнө суроолуу тигилди. Салыйка тышта Максатты ойнотуп аткан Камалбүнүн тун уулу Улукбекти бир карап алып, оор үшкүрдү.

- Аны билесиң да, экөөң ажырашкандан кийин ичкиликке берилип кеткен. Шыргыйдай болуп кыржыйып арыктап, самогон менен аракка баш-оту менен кирип кеткен. Каңгып эле жүрчү, көчөдө ыргалып бир кетип баратканын көрөсүң же баткакка оонап жатканын көрөсүң. Атаң экөөбүздү көрсө эле сөөмөйүн кезеп, артыбыздан ашатып сөгүп кала берчү.

- Ооба, анысын билем. Анан эмне болду?

- Ошо өгүнү агасынын атын минип алып, элди омуроолотуп, качырып, көчөнү чаңызгытып өйдө-ылдый чапкылап жүргөн. Өзү алагүү бир топ кызып калыптыр болчу. "Ой, ушу бирди көрөт го, башыңды жегир, алкаш" дешип ары-бери өткөндөр шыпшынып аткан. Анан эле бир убакта кечке маал бададан мал келээрде көчө тынчып калды. Атын чапкылап жүрүп эси ооп, бир жерде уктап атса керек деп койгонбуз. Көрсө, ал бечара уктабай эле тиги колоттон ат-паты менен камаздын астына кирип мүрт кетиптир. Агүнү баданын кезеги Касымбайда болчу, баласы экөө мал айдап келатып көрүшүптүр. Ошолор айтып келишти.

- Ии-ий, байкуш десе. Жаман болгон тура. - Камалбү андан башка сөз айткан жок. Өңү кумсарып, ордунан туруп, кеткенге камынды. Энеси, уулу менен коштошуп, Максатты жетелеп автобуска отурду да, айылды көздөй жол тартты. Жолду катар өзүн жемелеп, күнөөлөп келди: "Мына сенин айыңдан дагы бир адамдын өмүрү кыйылды. Сен ошондо экөөнүн ортолоруна тура калбаганда, бузукулук ишиңди кылбаганда бул балээ болмок эмес. Алардын бактысына балта чаптың, өзүң да бактылуу боло албадың. Кандай гана жексур, бетпак неме элең!". Максат эртеден бери апасын ээрчип жүрүп, чарчаган окшойт, автобуска отурганда эле шылкылдап уктап калды. Камалбү аны көтөрүп, үйгө келсе Жоодар дагы эле келе элек экен. Өзүн билбей күйөөсүнө бир сыйра кыжырланып алды. "Мал базар тараганы качан, ушу убакка чейин кайда жүрөт?". Кыз-келиндер менен шыңкылдашып, күлүп-жайнап отурганын элестеткенде ичи туз куйгандай ачышты. "Сени элеби карап тур, унчукпаса эле, өз билгенимди кылам деп жүрөт окшойсуң. Менден башка бир да катынды карабас кылбасам элеби сени" деп кыжынып алып, көр тиричилигине алаксып кетти.

***

Арадан дагы эки ай өттү. Камалбү көзү ачыкка байма-бай каттап атып, чөп-чар окутуп келип бир жарым айдан бери Жоодардын тамак-ашына байкатпай кошуп берип атат. Кээде гана башым, ашказаным деп жатып калганы болбосо Жоодар аялы кылгандын биринин да шек-шыбатын билген жок. Анткен менен тыржыйып арыктап эле баратат. Бир аз катуураак кыймылдап, жумуш кылып койсо эле бүткөн бою шалдырап, шайы оой түшөт. Качан болсо да кабагы ачылбай түнөргөндөн түнөрөт. Мурда досу Эгемберди келгенде жадырап-жайнап тосуп алчу Жоодар жок, болоор-болбос тамаша сөзгө тырчыңдап, өзүнчө эле үңүрөйөт. Анткен менен Камалбүнүнүн кареги менен тең айланып, анын сөзүнөн өлүп баратса да чыкпай калды. Досун кыска убакытта мынчалык өзгөрөт деп ойлобогон Эгемберди же кол шилтеп басып кете албай, же күлөөрүн же ыйлаарын билбей башы маң. Раядан ажырагандан бери санаа басып ушинтип мүңкүрөп калды дейин десе ал жөнүндө деле ооз ачпайт. Бала кезден чыбык ат минип чогуу ойноп, чогуу өскөн кан досу ушу убакка чейин андан эч нерсе жашырчу эмес. Болгонун болгондой айтышып, бири-бири менен сыр чечишип, кеңешип көнүп калышпады беле, бул эмнеси? Камалбү да акыркы убакта "Жоодарды сен эле азгырып, түз жолдон адаштырып атасың" дегенсип, Эгемберди барганда акырая карап алат да, казан-аягын калдыратып, уулун урушумуш болуп, кагынып-силкинчү болду. Кетип баратканда гана оозунун учу менен "чай ич" демиш болгону менен чын ниетинен айтпаганы билинип эле турат. Эгемберди "ичтим, рахмат" деп кобурап кеткенче шашат. Жоодар да башын жерге салып, дарбазага чейин басып келет да, келип атасыңбы, кетип атасыңбы дебей нымтырап кала берет. Бул эмнеси? Эркек байкуш акыры ушинтип тагдырына баш ийип, аялына көз каранды болуп калат окшобойбу. Эгембердинин оюна ушулар келди.

Түн ортосунда жанында жаткан Дилбар көшүлүп таттуу уйкуга кеткенде Эгемберди акырын жылып сыртка чыкты. Кошуна бөлмөдө уктап аткан уулдары менен кыздарын, карыган ата-энесин ойготуп албоого тырышып, бутунун учу менен басып баратып, босогонун түбүндө жаткан Кирешеге чалынып калайын деди. Аз жерден анын үстүнө кулап кала жаздап барып оңолду. Көк дөбөт да шалпайган кулактарын түрүп, борсулдап үрүп жиберейин деп барып, анан "аа, сен белең" дегенсип бир карап алып, алдыңкы буттарын жазданып жатып калды. Ээсинин минтип түн жамынып ууру мышыкча уурданып бир жакка кетээрине көнүп калган.

Эгемберди кашаадан ашып түшүп, караңгыга сүңгүп кетти. Ошондо гана "өх!" деп терең дем алып, жеңилденип калды. Андан ары мал сарайдын арткы дубалын бойлой жыла басып, четки кууш көчөгө түштү. Сабира да балдарын эчак уктатып коюп, өзү кирпик какпай терезенин түбүндө ойношун күтүп отурган. Тосмонун аркы башынан элдир-селдир тааныш караан көрүнөөрү менен ордунан ыргып туруп, сырткы эшикти илгичин ачып койду. Эгемберди дабыш чыгарбай жылып кирип келээр менен, экөө босогодо кучакташкан бойдон кынала туруп калышты.

- Ушинтип жүрүп, бир күнү кармалып калып, таза шермендебиз чыкпаса болду, - деди Сабира улутунуп.

- Эмнеге кармалмак элек, кинодогу шпиондор бери жакта эле калды го, жаным. Сага келем деп жүрүп, укмуштай шамдагай, сак болуп кеттим. Демимди ичиме катып, бутумдун учу менен жылып келатып, өзүмдү он сегиз жаштагыдай сезип кетем. Минтип жүрө берсем эзели картайбайм го, ыя, Сабиш.

- Койсоңчу, кайдагыны айтасың да. Бирөө жарым байкап калабы деп эле менде жан жок.

- Коркпо, эркем, баары жайында болот.

Бири-бирин аймалап атып, моокумдары канганда шыбырашып аркы-беркини сүйлөшө кетишти. Эгемберди күн өткөн сайын Жоодар досу таанылгыс болуп өзгөрүп баратканын айтканда Сабира негедир ойго батып, тунжурай түштү. Эгемберди аны мурдунан чымчып:

- Эй, сага эмне болду? Эмнени ойлонуп калдың? - дегенде гана эсине келди.

- Билесиңби, Эген. Өткөндө Уланды тиги Зарылбектин ити каап алыптыр дебедим беле. Догдурга алпарып, укол салдырып келгем. Бирок ага да болбой эле түшүнөн чочуп, бакырып ыйлай бергенинен жүрөгүн көтөртүп коеюнчу деп тиги өйдөңкү айылда көзү ачыкка алпаргам. Күн мурунтан өчүрөткө жазылып кириш керек экен, ошо жерде кезек күтүп отуруп, кимди көрдүм дебейсиңби.

- Иий, кимди көрдүң? - Эгемберди Сабиранын сөзүнө анча маани бербей күлүп койду.

- Камалбүнү.

- Көрсөң эмне экен? Ал да бирдемеси ооруп баргандыр да.

- Анда эмнеге элеңдеп эки жагын каранып, тааныш бирөө жарым көрүп калбаса экен дегендей короодон чыгып кеткенче шашты дейсиң. Ал бир башка себеп менен барган шекилдүү. Тиги көзү ачык аял дуба, чөп чар менен ысытма, суутма дегенди да укмуш жасайт имиш деп атышкан. Менин алдымда турган бир келин "Күйөөм Россияга иштейм деп кетип, ошо жактан бир катын менен ойноп кетиптир. Эми ага үйлөнөм, сен болсо өз билгениңди кыл деп кат жазып ийди. Ошону дубанын күчү менен кайтарып бер деп көзү ачыкка келдим" деди. Кийинки барганда ал келин тим эле өзүнчө бактылуу болуп алыптыр. Көрсө, күйөөсү стройкада иштеп атып, үчүнчү кабаттан кулап түшүп, буту, акыреги сынып келген имиш. "Буту сынса да мейли иши кылып кайтып келгенине сүйүнүп атам, дуба окутпасам тигиниси менен кала бермек да" дейт.

- Тобоо, ушундай да келесоо аялдар болот экен да. Ошентип атып анысы өлүп калса эмне болот эле, кудайдан коркпойт го буларың! - Эгемберди ачуусу келип күпүлдөп барып, Сабира сөөмөйүн оозуна такап, акырын дегенде гана дымып калды.

- Аны менен сүйлөшүп отурсам Камалбү дагы тиги бакшыдан чыгып кетип баратат, колунда чакан баштыгы бар. Ушу Жоодарды окутуп салган жокпу, ыя? Баягыда Раядан кызганыптыр деп айтпадың беле, дагы ошентип ойноп кетпесин деп антиши деле мүмкүн, ээ. Кой, өзүмчө эле ойду-тоону сүйлөп, кудайга күнөөкөр болбоюнчу. Ансыз деле минтип катын-баласы бар сени менен түн жамынып свидание курганым жетишет, - деп Сабира кыткылыктап күлдү.

- Кандай анан Улан жакшы болуп калдыбы?

- Жакшы болуп келатып эле кайра чочуп ыйлай бергенинен Апал апага алпарып жүрөгүн көтөртүп келдим. Эми антпей калды.

- Кой, Сабиш, мен барайын. Таң агарып кете электе барып, билмексен болуп Диляны кучактап жатып калайын.

- Аныңды кучактаганыңды айтпай эле кетсең өлөсүңбү, оңбогур, - деп Сабира ойношунан боюн ала качып, аны төшкө түрттү.

- Атайын эле сени кызгансын деп айтып атпаймынбы, кара жан. Болду эми ачууланбачы. - Эгемберди аялды өзүнө тартып, кучагына бекем кысты.

- Антпесең деле ойлогон сайын кызганып, итатайым тутулуп атат. Эмне кыл дейсиң эми, бар кетчи ыржалактабай. Мына таң да атып кетмей болду. Бар эми.

Экөө эзилише коштошуп, Эгемберди кандай келсе ошондой эле шырп алдырбай кетип баратты.

Камалбү Жоодардын эч нерседен күмөн санабай эле берген ашын түгөтө ичип, айтканы менен болуп калганына ичинен маашырланып жүрөт. Өгүнү көзү ачыкка барганда күйөөм аябай арыктап кетти, ооруп да атат десе, "эч нерсе болбойт, ал дубанын таасири, бара-бара мурунку калыбына келет, андан кам санаба" деп койгон. Ошондон бери көңүлү жайланып калды. Жоодар бейчеки эки жакка баспай, жанынан чыкпай калган. Дем алыш күндөрү таң атпай туруп мал базарга барып келет да, түшкө жетпей үйдө болуп калат. Анткен менен дагы эле кабагы ачылбай үңкүйүп отурганы отурган. Максат менен ойномуш болуп, аны эркелеткенде гана чала-була ырсайганы болбосо, шаңдана каткырган күнү боло элек. Төшөктө да Камалбү өзү кучактап, асылганда эптеп көңүлсүз ишин бүтүрүп, артын карап жатып алат. Камалбүгө ашкере берилгени деле байкалбайт. "Ысытмасы ушубу? Менден башканы ойлобой, күйүп-жанып сүйүп калат дебеди беле? Же тиги окуп берген чөбүнөн азыраак берип атамбы? Көбүрөөк кошсом кантет?" деп ойлоп кетти. Бирок көзү ачыктын: "Өлчөмүнөн өткөрүп ийсең өлүп да калышы мүмкүн" дегенин эстеп, ал оюнан айныды. Бул Камалбүнүн бир гана маселеси болчу. Басса-турса оюнан, уктаса түшүнөн кетпеген Мээримден кантип арылат? Көзү ачык ага да дуба окуп атам дегени менен эч өзгөрүү болбоду. Ал окуп берген сууну улагага чачып, шыпыргысы менен шыпырып, күн алыс арчасын түтөтүп эле атат, бирок майнап жок. Эми Мээрим аз келгенсип, Замир да түшүнө кирип, көзү-башын аңтарылтып, жүрөк титиреткен үн менен: "Баарына сен күнөөлүүсүң! Ошондо сен жалган жалаа жаап, экөөбүздү бөлбөгөндө мен Мээримге үйлөнүп, бактылуу жашамакмын. Ушунун баары сенин айыңдан болду!" деп бакырат. Үстү-башы жүдөңкү, чачы менен сакал-муруту саксаят, кийим-кечеси да дал-далынан сөгүлүп, тамтыгы чыккан. Ошентип ач айкырыкты салып артынан кубалап келатканда чочуп ойгонду Камалбү. Калч-калч этип тиши-тишине тийбей калтырап, өңү купкуу, көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй чакчаят. Төшөктө отурган бойдон жууркандын бир бурчу менен оозун басып, өпкө-өпкөсүнө батпай эчкирип ыйлап атты. Жанындагы Жоодар уйку-соонун ортосунда өзүнчө күбүрөнүп, уулун кымтылады, бирок ойгонгон жок. Максат да чукуранып, таттуу уйкунун кучагында. Экөөнү карап алып, Камалбү да тынч алып жатып калды. Лакылдаган жүрөгү көптө барып, өз ыргагында сого баштады. Бирок уйкусу чайыттай ачылган. Шыпты тиктеп ойлуу жатат. "Өх, бу эмне деген шумдук түш? Бир кездеги кыздардын баары ашык болгон зыңкыйган жигит минтип сөлбүрөп калганына ким эмнеси? Буга ким күнөөлүү? Албетте мен, жана да арак! Кайгыга алдырып, аракка баш-оту менен кирип кеткенине караганда Мээрим анын да түшүнө тынбай кирип, акылынан адаштырса керек. Же болбосо андан жаман нерсеге деле туруштук берип, анчалык мүңкүрөбөй, көчөдө каңгып калбай эле жашап жаткандар толтура эмеспи. Убакыттан өткөн мыкты дарыгер жок дегендей убакыт өткөн сайын баары бара-бара унутулуп, турмуш өз нугуна түшүп кетчү эле го. Замир болсо акыры бөөдө кырсыкка кабылып, ичкиликтен башка бул жарыкчылыктын бир да жыргалын көрбөй өлүп тынды. Тынды дейин десем эми минтип менин айламды кетирип атат. Тирүүсүндө ала албаган өчүн, ушинтип алайын дегенби?". Камалбү таң атканча жаман ойлордун кучагынан чыга албай, ары-бери оонап түйшөлүп чыкты.

Короз кыйкырары менен ыргып туруп, боз халатын кийип сыртка чыкты. Уйларды саап, музоолорун агытты. Чала бөксө чакасындагы сүттү чайпалта көтөрүп очок үйгө кирди, казанды чайкап, сүттү чыпкалап куюп, астына от жакты. Короодогу куурайдан алып келип жагайын десе анысы өгүнү жаан жааганда суу болуп калганбы быкшып, түтөп жакшы күйбөй койду. Кышында отко тамызгыга белендеп Жоодар отундарды жарып, сарайга жыйып койгон. "Ошондон эле алып келейин жага салайын" деген ойдо Камалбү сарайдын босогосун аттады. Ичи караңгы экен. Күн тээ алыскы тоонун чокусунан жаңы гана кылайып чыкпадыбы, анан алакандай жалгыз терезеси бар мунун ичи кайдан жарык болмок эле. Камалбү ушуларды ойлоп алып, адатынча өзү менен өзү сүйлөшүп, эшикти кенен ачып, ичкери кирип барды. Караңгылыкты үңүлө карап, бурчта жыйылган отундан кулачына толтура үйүп, артты көздөй бурулганда сарайдын чоң жыгач эшиги "ка-айч" этип келип жабылып калды. Камалбүнүн дене бою дүркүрөп, жүрөгү оозуна тыгылды, муундары калчылдап кетти. "Бул жөн эле эшик го, бирдеме тиребей кирип кетсең анан артыңан жабылбаганда эмне болмок эле" деп өзүн жооткотуп, капталдап барып эшикти ары түрттү. Ал кайрадан "каа-айч" этип ачылганда келин шарт чыгып кетпей тайсалдай түштү. Босогодо тушалгансып туруп калды, эмнегедир далысы чымырап, артынан кимдир бирөө карап тургандай туюлду. Артына жалт бурулуп карай калса, шумдугуң кургур, сарайдын төр жагындагы устунда бирөө асылып турат. Бул көрүнүш чагылган чартылдагандай эле болду. Ооба, дал ошондой болуп бирдеме жарк-журк эте түшкөндө шыптагы жиптин учундагы сыйыртмак мойнуна салынып салаңдап турган Мээримдин жүзү даана көрүндү. Камалбү "Аа-аа!" деп бакырган бойдон колундагы отун-потуну менен ала салып чалкасынан кулады. Жоодар жаңы гана ойгонуп, төшөгүн тээп салган уулун кымтылап жаап, сыртка чыгып бараткан. Бакырган үндү укканда аттап-буттап короого чуркап чыкты. Алактап эки жагын каранып, сарайдын оозунда сулап жаткан Камалбүнү көрө коюп жанына жетип барды.

- Камалбү! Камалбү, ой, сага эмне болду?! - деп жакка чапкылап атып, аялын араң эсине келтирди. Өңү кагаздай купкуу Камалбү көзүн ачып, Жоодарды жеңинен тырыштыра кармап, эч нерсени түшүнбөй эки жагын каранат. Калчылдаганы дагы эле басыла элек.

- Ай деги соосуңбу? Эмне болуп кетти? - деп Жоодар аялын тиктеди.

- Т-тиги.. . са-сарайда бирөө.. . - деп кекечтенген Камалбү калтыраган сөөмөйү менен караңгылыкты кезеди.

- Эмне? Бирөө дейсиңби? Ким экен ал? - Жоодар мойнун созуп, аялы көрсөткөн жакты бүшүркөй карады. Эч кимди көрө албаган соң бир Камалбүнү, бир сарайдын ичин сыдыра карап:

- Кулпусун өзүң ачтыңбы? Же ачык бекен? - деп сурады.

- Өзүм. Бирок тиги жакта бирөө тургандай көрүнүп.. . - деп баратып Камалбү андан аркы сөзүн жутуп алды. Айтсам деле баары бир ишенбейт деп, асынып турган Мээримди көргөнүн Жоодарга айткысы келбей калды.

Жоодар аны адеп көргөндө чын эле жүрөгү түшүп кеткен, эми болсо жоолугу бир жагына кыйшайып, боз ала чаң болуп чачылган отундун арасында отурган Камалбүнү карап алып күлкүсү келди. Анын мылжыйып турганын байкаган Камалбү жини келип:

- Эмне карайсың? Куурай суу болуп калат, бастырмага алып кирип кой десе уккуң да келбейт.. . - деп күбүрөнө ордунан туруп үстү-башын күбүдү. Азыр эле сарайдан көргөн тирукмуш көрүнүш али да көз алдынан кетпей, жаны чыгып турса да, өзүн-өзү токтотуп, анысын Жоодарга билгизбегенге аракет кылды. Чачылган отундарды терип, аксаңдап очок үйгө кирип кетти.

Жоодар акыркы убакта эмне болуп атканын өзү да түшүнбөйт. Бир туруп башы сынып кетчүдөй болуп ооруйт, бир туруп ашказаны аңтарылып кетчүдөй бурап-бурап барып араң кое берет. Мурда Раяны күйөөсүнөн ажыратып, кызым экөөнү алып шаарга кетип калсамбы деп ойлой берчү эле, өзгөчө ал экөөнү сагынып, куса болгондо кадимкидей ою бузулчу. Анан кайра эле улам бир шылтоо табылып, күнүмдүк тиргилигине алаксып калчу. Анын үстүнө Максатты кантип кыят, сени менен жашабайм десе эле Камалбү уулун экинчи таптакыр көргөзбөй коеру бышык. Ошондон да кылчактады, эми гана тыңыраак сүйлөп келаткан, оюндан башка санаасы жок баласын бирөөгө кор кылгысы келген жок. Эмнеси болсо да эми тагдырга баш ийип, ушу үңкүйгөн аял менен жашабаска арга жок.

Эх, турмушуң менен жерге кир. Ушинтип бир капталы ээнсиреп, өмүр бою арман кылып, көксөгөнүнө жетпей жашаган кантип болсун. Рая чынында эле анын жүрөгүнүн жарымын алып кеткендей болду. Ушу Камалбү эле үңүрөйбөй ойдогудай болгондо эмне, кошуна болуп анда-санда кирип-чыга калчу жаш келинди карамак да эмес. Аны менен жакындаша коюп, кош бойлуу кылбайт эле. Ал болсо жүрөгүн жаралап салып, акырында күйөөсү менен табышып кетип калды, анткени деле дурус болгондур. Ыраматылык Айзада айыкпас дартка кабылып, каза болбогондо эле баары жакшы болбойт беле. Аялдан башкача акылдуу, жароокер жан эле. Айттырбай эле баарын Жоодардын кабак-кашынан баамдап коер эле. Ал тирүү болгондо эле баары башкача болмок. Жетпей арманда калган алгачкы сүйүүм эле деп Алинага азгырылса азгырылмак, бирок анын жеңил ойлуу экенин адеп байкаганда эле кол шилтеп басып кетмек. Ансыз деле ошентпедиби. Баарынан да мобу кара түндөй түнөргөн Камалбүгө туш болбойт эле го. Айзадасы кашында жаркылдап турса, эки уулун эркелетип, бапырап бактылуу жашай беришмек. Эми аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы болоор иш болду. Арсыз ажал Айзаданы алып тынды. Андан аркысы биринин артынан экинчиси чубалжыган кино тасманын кадрларындай эле уланып кетпедиби.

Жоодар шаркырап, таштан ташка урунган агымды карап туруп ушуларды ойлоп алды. Тоодон ылдый буркан-шаркан түшүп агып келген дайра сайдагы ушу жайык кечмеликке жеткенде саал жайлай түшөт. Уйлар музоолору менен кыдырата тизилип, мурундарын бышылдатып суудан аптыга жутуп атышат. Курсактары чандайганча сууга тойгон соң кайра келген жол менен артка жөнөгөндө Жоодар да илкий басып алардын артында баратты. Эмнегедир башын туман басып калгансып, өткөндү эстегенде ичинен муңайып, шуу үшкүрүп алганы менен азыркы болуп аткан нерселерди, келечегин даана көрө албайт. Мунун баарын өңүндө эмес, түшүндө көрүп аткандай эле баарына кайдыгер. Мына азыр ушу сайдагы өз нугу менен агып бараткан суу ташкындап, каптап келатса да кебелип койбойт болуш керек. Камалбүнү сүйбөйт, ага деген көңүлү таптакыр муздап калган. Бирок эмне балээси бар экенин билбейт, бирдеме деп өктөм сүйлөп койду дегиче ага каршы эч нерсе дей албай эркине баш ийип, айтканына көнөт. Ал барба деген жакка барбайт, кылба дегенин кылбайт. Өткөндө Эмлис келип атам ооруп атат деп айтып кеткенинен барып көрүп келейин деп камынып атса Эгемберди келип калды. Адатынча бакылдап:

- Аа, аяш атамбы? Жүрү, мен да сени менен кошо барып, ал-акыбалын сурап коеюн - дегенде дасторкондун четинде мелтиреп отурган Камалбү күйөөсүн тыя карады да:

- Жок, Эгемберди, биз ананчараак өзүбүз барабыз, мал-жайды тейлеп коюп барып келербиз, - деди. Жоодар да "ооба, ошентебиз" дегенсип, аялынын сөзүн коштоп башын ийкегенде Эгембердинин оозу ачылды.

- Мейли, өзүңөр билгиле, - деген бойдон сыртка чыгып машинесине отурду. Эрди-катынга жини келип "окшошкон энеңди урайындар" деп өзүнчө күбүрөнүп сөгүнүп да алды. Анан жерге чыйт түкүрүп, машинесин от алдырып кетип калды. Жоодар башын жерге салып, Камалбүнүн кашында отура берди, досун узатып чыкканга да жараган жок. Жолду катар Эгемберди жаны кашайганын жашыра албай, башын чайкап, досунун бүт сүрткөн тряпкеден да жаман болуп калганына ишене албайт. "Опей ай, муну карасаң дегеле. Жоош-момун, ашыкча сөзү жок, үй оокатына тың деп Дилбар экөөбүз тандабадык беле. Жооштон жоон чыгат деген ушу да. Дагы кандай деген сөз бар эле? Иий, баса, тандаган тазга жолугат дечү беле. Тандап атып тапканыбыз ушу болсо. Дурайындыкы десе! А Жоодарга эмне жок дейм да. Ушу катынынын көзүн карап, нымтырап калат деген эмне деген тамтык. Досум деп коем дагы, экинчи басып да барбайм. Урдум сендей досту!" деп рулду оңго-солго бурап, опурулуп-жарпырылып баратты. Бул жолу Жоодарга катуу таарынды. Бир маалда Сабиранын айткандары эсине түштү. Ошондо алаканы менен өзүн чекеге ургулап, санын шак чапты. Ойлонуп көрсө баары дал келип атпайбы. "Ап, байкуш досу-ум! Сени өз колум менен накта жан алгычтын койнуна салып берген турбаймбы. Эмне эле шылкыйып, башкача болуп калды дейм да. Болжолу менен баш-аягы үч айдан бери дубаланып атсаң анан антпегенде кантмек элең. Мм.. . баары түшүнүктүү. Кайран Камаш, демек ушундай экенсиң да. Сени элеби карап тур, шерменде эле кылбасамбы!" деп аяшына кекенип, досун аяды. Канткенде Жоодарды үйүнөн ээрчитип чыгып, дубасын жандырыштын аргасын ойлоп, пландаштыра баштады. Андайлар бара-бара майып болуп да калат дегенди кулагы чалган эле, андыктан кеч болуп кала электе бир айласын таппасам болбойт деп шашкалактады.

Үйгө келип да ары ойлонуп, бери ойлонуп атып, акыры эртең Жоодар мал суугарганы сайга түшкөндө тосуп алып сүйлөшмөк болду. Бирок ал оюнан кайра айныды. Анткени таптакыр дубанын таасири астында калган неме канча какшап айткан менен ага ишенбесин билди. Кандай кылсам деп баш катырып атты. Дубаны андан да күчтүү дуба окуп, тиги бакшыдан да касиеттүү молдо же табып гана жандыра алат деген ойго келди. Ооба, ошондой кудурети күчтүү адамды табыш керек. Баса, Жамбылда ошондой бир молдо бар экен деп укпады беле. "Алыс болсо мейли, атасынын көрү, досум үчүн бензин не жалко, барып келейин" деп камынып калды. Тышына баркыт капталган чоң көк альбомун Дилбарга айтып сандыктан алдырып, Жоодар экөө түшкөн сүрөттөрдү иргеди. Мурдагы жылы экөө Бишкекке барганда түшкөн сүрөт башкаларга караганда даана экен. Ошону алып төш чөнтөгүнө салды. Аялына суу жылыттырып, даарат алды да, түндөп жолго чыкмай болду.

- Машинең да жакшы жүрбөй атса, эми кайда баратасың? - деп сурады Жамгырбек өзүнчө эле күйпөлөктөп жүргөн уулун карап.

- Ата, өтө зарыл жумуш чыгып калды. Барып келбесем болбойт. Аны кийинчерээк айтып берээрмин, - деген Эгемберди Дилбар камдап берген тамак-ашын салыштырып жөнөп кетти. Уктап кетпес үчүн автомагнитоланын бурагычын акырына чейин бурап, музыканы даңгырата коюп алды. Бек Борбиевдин ыры башталганда "Суна-ам ыр десте-е, са-агынган кезде-е" деп өзү да тамагы айрылганча кыйкырып ырдап баратты. Төрт саатка жакын жол жүрүп, таңга жуук Жамбылга кирип барды. Сарсенбай ажынын үйү кайсы десе эле элдин баары билет экен. Кыйма-чийме көчөлөрдү аралап, ар кимден сураштырып жүрүп таап алды. Бийик тосмо менен королонгон кенен короодогу кызыл кирпичтен салынган заңгыраган эки кабат үйдүн астына келип машинесин токтотту. Дарбазанын звоногун басты эле бети тоголок кара кыз чыгып:

- Сизге ким керек? - деп сурады.

- Сарсенбай ажынын үйү ушубу? Мага ошо киши керек эле, - деп жооп берди Эгемберди.

- Азыр, - деген кыз ары кирип кетти. Бир аздан кийин узун бойлуу өзү менен тең чамалаш киши чыгып, кол алышып учурашты да, үйгө баштап баратты. Эгембердиге береги кишинин өңү жылуу учурады, бирок кайдан көргөнүн эстей алган жок. Алар короодогу шагы ийилген жүзүмдүн алдына орнотулган тапчанга келишкенде тиги киши мейманга кайрылып:

- Ажы азыр намаз окуп атат. Ушу жерде күтүп отура туруңуз, - дегенде гана Эгемберди аскерде чогуу кызмат кылган Эржанды тааныды.

- Эржан, сенсиңби? - деп аны элейип карап калды. Эржан адегенде Эгембердини бүшүркөй карап, тааныган жок.

- Ооба, менин атым Эржан. Бирок сиз кимсиз? - деп маңдайында күлүмсүрөп турган бейтааныш кишинин жүзүнө тигилди.

- Доске, тааныбай калдыңбы? Мурманскиде аскер деңиз флотунда чогуу служба өтөбөдүк беле.

- Э-хе, Эгемберди, сенби, баурым! - Эржан жылмайып кучагын жайды. Достор кучакташып көрүшүштү. Эржан көптөн бери көрө элек досун бутунан башына чейин сыдыра карап:

- Өзгөрүп кетипсиң, араң тааныдым, Бу жакка кайдан келип калдың? - деп сурады.

- Ой, бир досум кырсыктап, ушу Сарсенбай ажыдан бир ылаажы болобу деп келдим, - деди Эгемберди. - Кандай эле тааныбай каласың. Мурут коюп алсам эле башкача болуп калыпмынбы? А сен баягы эле солкулдаган жигит бойдон экенсиң! Ха-ха-ха! - деп карсылдап күлдү.

- Арадан жыйырма жылдан ашык убакыт өтпөдүбү. Сен абдан өзгөрүпсүң, - деди Эржан да күлүп.

- Ооба, убакыт учкан куш экен го, гөр оокат менен алышып жүрүп, зымырап кантип учканын байкабай да калат экенсиң, - деген Эгембердинин көз алдына ошол Орусияда өткөн күндөрү тартылды.. .

Кеч күз эле. Эгемберди жаңы гана мектепти аяктап, атасына жардамдашып колхоздун эгин талаасында буудай чабышып жүргөн. Жармадан ичип тамактанып отурушса он үч жашар тестиер иниси колуна бир ак кагазды булгалап, тызылдап жүгүрүп келди. Ал кагазда "Аскер кызматын өтөөгө милдеттүү Аргынбаев Эгемберди Жамгырбекович 10-октябрь күнү саат 7. 00до военкоматка келсин" деп жазылыптыр. Ошентип, Эгемберди ата-энеси менен коштошуп, Мурманскиге аскер деңиз флотуна жөнөтүлдү. Он тогузга чыкканча айылдан алыс узабаган боз улан ошондо өмүрүндө биринчи жолу поездге түштү. Жетээр жеткенче зымырап өтүп аткан талаа-түздү, шаар-кыштактарды соңуркай карап, терезенин түбүнөн жылган жок. Казакстандын кең талааларын аралап өтүп, төртүнчү күн дегенде Орусиянын ыраакы чыгышына келгенде башка дүйнөгө келип калгандай эле болду. Ал убакта аскерге бүтүндөй Советтер Союзунан аскер жашына жеткен жигиттер чакырылгандыктан, жүзгө жакын ар улуттун балдары Мурманскиге келип түшүштү. Чачтарын жылтырата кырдырып, катарга тизилген орус, өзбек, армян, грузин балдардын арасында Кыргызстандан Эгемберди өзү жалгыз болчу. Бөтөн эл, бөтөн жерге тез эле көнүп кетти, ал эми аскердик жашоонун темирдей катуу тартибине көнүш өзүнчө бир азап болду. Таң атканда прапорщик дегени келип, "по-одъем!" деп айкырганда анын колундагы бир тал ширеңке күйүп бүткүчө ыргып туруп, шапа-шупа кийинип, катарга тизилип калыш керек. Түшкө чейин плацта ары-бери басып, марш бросокко үйрөнүшөт. Андан кийин машыгуу, окуу, маал-маалы менен тамактануу болуп атып, эстери оогон байкуш балдар жанагы прапорщик келип "отбой!" деп кыйкырып кеткенден кийин жаздыкка баштары тиери менен уйкуга кетишет. Присяга берип жаткан күнү гана араларында Дегенбаев Эржан Бектенович деген да бар экенин угуп, "жалгыз эмес турбаймынбы, менден башка да кыргыз бар тура" деп ичинен сүйүнүп алды.

Бардык эле армиядагыдай ич ара мыйзам катары калыптанып калган "дедовщина" деген балакет аларда да бар болчу. Мурдараак келген балдар кийинки келгендерге кыр көрсөтүп, ансыз да башы айланып жүргөн боз баштарды жашоого тарбиялап атабыз демиш болуп, ур-токмокко ала беришчү.

Бир күнү отбой болгондон кийин ошол "деддер" келишти да, жаңы келгендердин арасынан бешөөнү тандап, ашканага алып барышты. Бурчта жыйылып турган алты мүшөк картөшкөнү көрсөтүп, "ушуну аарчып бүткөндө уктайсыңар" дешти. Эгемберди унчукпай отуруп аарчый баштады. Калгандар да "деддерге" каяша айта алышпай күчтөрүн картөшкөдөн чыгарып, мелтиреп отурушкан. Маңдайында отурган баягы Эржан деген баланы таанып, Эгемберди аны менен таанышып алды. Көрсө ал кыргыз эмес, казак экен. Казак болсо да орус, хохолдорго караганда жакыныраак эмеспи деп аны эш тутуп калды. Эржан ак кол болуп өскөнү байкалып эле турду. Күндүз кечке марш бросок басып чарчагангабы бир аздан кийин эле уйкусу келип: "Болду жетишет!" деп ары жакта турган узун үстөлгө жатып уктап калды. Ал ошентип жатып алгандан жарым саат да өтпөй "деддер" келип, жыргап уктап аткан Эржанды көргөндө: "Ничего себе, малой!" дешип, бир чака сууну үстүнө куюп жиберишти. Чочуп ойгонгондо туш-туштан тепкиге алышты. Бир баланы көптөп атышканына чыдап тура албай Эгемберди да мушташка аралашты. Кенедейинен кара жумушка көнгөн олбурлуу неме берки "деддерге" ээ кылбай үчөөнү үч жакка ыргытты. Тигилер кайра тура калып, көкүрөккө, кулак түпкө койгулап атышты. Таяк жегенине карабай өжөрлөнүп отуруп ошондо Эржанды тепкиден алып калды. "Деддер" "чилиштерден" таяк жеп калыптыр деген сөз аскер бөлүгүнө бат эле тарады. Уят болгон үчөө эле эмес, калган "деддер" да бу эки "көзү жымшыктарга" экинчи тийишпей калышты. Экөөнөн башка дагы якут, корей жигиттерди калгандар өз ара ошентип атап коюшчу. Ошо күндөн баштап Эржан менен Эгемберди жакын достордон болуп калышты. Эки жылдык кызмат аяктаган соң бир туугандардай болуп калган экөө араң коштошуп, ар кимиси өз туулган мекендерине кайтышкан. Андан кийин бат эле союз таркап, заман өзгөрүп кетти. Алардан кийинки боз уландар антип чет өлкөгө же Орусиянын алыскы шаарларына барып кызмат өтөбөй калышты.

Экөө жүзүмдүн алдында көлөкөлөп көпкө сүйлөшүп отурушту. Ошол өткөн күндөрүн эстеп, каткырып күлүп атып Эгемберди эмнеге келгенин да унутуп калган. Бети томолок кара кыз үйдөн чыгып: "кире бериңиздер, таятам бошоду" дегенде гана экөө тапчандан туруп, үйгө киришти. Сарсенбай ажы жашы жетимиштерден өтүп калган ак сакалы жайкалган чап жаак абышка экен. Эгемберди менен кол алышып учурашкандан кийин аны төргө өткөрүп, ал оозун ача электе эле эмне себеп менен келгенин билип койду. Ажы сакалын сылай Эгембердиге тике карап:

- Сага чейинки эки баласы курсакта эле чарчап калгандыктан ата-энең сен жарык дүйнөгө келгенде кудайдан тилеп алган балабыз деп атыңды Эгемберди коюшкан. Чын эле кудай берип сенден кийин бир уул, бир кыздуу болушуптур. Бу жерге досуңдун маселеси менен келдиң. Анын иши өтө эле жаман, - дегенде Эгембердинин оозу ачылып калды.

- Ооба, ошо досумду ойлоп, өзүм эле бир да жанга айтпай келе бердим, ажы. Бир жардам кылыңыз, - деп жер тиктеди.

- Досуңа дуба өтүп кеткен, болгондо да кара дуба, - деп койду ажы. - Мен азыр киши көрбөй аттым эле, болуптур эми, атайын алыстан келипсиң, бир айласын табалы, - деп күңгүрөнүп алды.

- Ошентиңизчи, байкуш досум бөөдө жерде куруп кетмей болду, - деп Эгемберди табыптын буудай өңдүү жүзүнө үмүттүү тигилди.

- Досуңду ала келсең дурус болмок, бирок ал азыр келе алчудай эмес. Сен өзүң эле келе берген жоксуң да, туурабы? - дегенде Эгемберди төш чөнтөгүндөгү Жоодардын сүрөтүн алып чыкты. Аны ажыга сунуп:

- Ушу сүрөтү жарайбы же буюму керекпи? - деп сурады.

- Жарайт. Эмне буюму бар? Дал ошо дуба окулган буюму керек болчу. Бирок анысы сенде жок, - деп Эгембердини дагы таң калтырды ажы. Сүрөттү карап ойго батып калды да, анан:

- Досуң үчүн чындап күйсөң, аны тезинен менин кашыма алып кел, болбосо кеч болуп калат. Сүрөтүн окуганым менен дубасы күчтүү болсо жакшы жанбай калышы мүмкүн, - деди. Эгемберди заманасы куурулуп, "Жоодарды эптеп үйүнөн азгырып чыгып, буту-колун байлап болсо да ала келсем болмок экен" деп өкүнүп алды. Анан абышканы жалдырай карап:

- Суранам сизден, ажы, эмне айтсаңыз баарын жасайын, мени менен барыңызчы. Сизден башка досума жардам бере ала турган бир да жан жок, - деп ыйламсырап жалбарды.

- Сен жаңылышасың, карагым. Менден башка жардам бере турган эки адам бар. Ал жанагы дуба окуттурган аялы менен дуба салган бакшы. Мүмкүн ошолорду макул кылаарсың, - деп ажы Эгембердини сынай карады. Антүү мүмкүн эмес экенин сопсонун билип турган.

- Алар макул болбойт го. Сиз эле барып берсеңиз, суранам, - деп Эгемберди эки колун төшүнө алып, чөгөлөй калды. Ажы аны жылмая карап:

- Тур эми, балам, мен билем, алар анте алышпайт. Ал чаласабат бакшы, өзү салган дубасын жандырууга эми анын алы жетпейт. Акчага азгырылып далайдын убалына калды, жарбагыр. Мынча суранып калдың эми, ойлонуп көрөйүн, эртең кел, - деди.

- Макул. Ушунуңузга да рахмат, - деген Эгемберди бүгүн эле жолго чыгалы деп айтайын деп баратып, кайра улгайган адамдын сөзүн эки кылбайынчы деп сыртка чыгып кетти. Короого суу сээп аткан Эржан досун көрө коюп, колундагы шлангасын жерге таштап, анын жанына басып келди.

- Кандай, досум, маселең чечилдиби? - деп сурады.

- Чечилгени калды окшойт. Ажы бир ылаажысы табылат деди го.

- Ал жалгыз кара чечекей уулу кайтыш болгондон бери эл көрбөй калган, дагы жакшы сени кабыл алды. Кабыл албайм деп коебу деп чочулап аттым эле, - деди Эржан.

- Уулу эмне болуп каза болду эле? - деп досун суроолуу карады Эгемберди.

- Ой, бу да узун кеп, жүрү үй жакка баралы. Жаркылдаган жакшы аяшың бар, аны менен таанышып, конок болуп кет, - деди Эржан. Эгемберди кыйылып атып араң макул болду. "Баары бир эртең менен келип, табыпты алып кетем да" деп, досун машинесине салып айдап жөнөдү. Жолдо баратышканда Эржан Сарсенбай ажынын жалгыз уулу болгонун, ал табып кудай ыроологон касиетин кабыл алгандан, аны колдонуп ооруу-сыркоолорду дарылагандан баш тартканда шал болуп ооруп калганын айтып берди. Эгемберди "анын табыпчылыгы кайсы, колунда шыпаасы болгон соң уулун айыктырып албайт беле" десе, Эржан аны да түшүндүрдү. Көрсө, өз балдары менен жакын туугандарына анын касиети таасир этпейт экен. Табып жаш кезинде кудайга эч эле ишенбеген илим-билимдүү адам болуптур. Күндөрдүн бир күнүндө кеч курун жумуштан келатса чагылган чартылдап, катуу шамал башталат. Чагылган менен кошо асмандан атчан караан түшүп, алдынан торойт. Колундагы камчысын кезей: "Эй, Сарсенбай, сага Жараткан Алла тааладан өзгөчө касиет берилди. Мындан ары эл көрүп, ооруу-сыркоолорду айыктырасың!" дейт. Сарсенбай көргөн көзүнө ишенбей мунун баары түшүмө кирип атса керек деп ойлойт. Ал артына бурулса, тиги атчан арт жагында да туруптур. Аны карыш жылдырбай жанагы айтканын дагы кайталайт. "Ой, сен кызыксың го, мен кудайга такыр ишенбесем анан ал касиеттин мага эмне кереги бар? Элди кантип дарыламак элем?" - деп Сарсенбай дагы моюн толгойт. Ушул көрүнүш кийин да эки ирет кайталанат. Акыркы жолу да көшөрүп макул болбой койгондо атчан караан "Анда жалгыз уулуң айыкпас дартка чалдыгат" деп эскертет. Кечинде үйүнө келсе чын эле күндө атакелеп алдынан тосуп чыкчу төрт жашар уулу ооруп калыптыр. "Мотураңдап ойноп жүрүп эле жыгылды, ошондон бери кыймылдай албай жатат" деп ыйлайт аялы. Ошондо гана Сарсенбай атчан караандын айтканын эстейт. "Баламды айыктыр, өмүрүм өткүчө жалгыз гана сага ишенип, сага гана кызмат кылайын" деп Жаратканга жалынат. Ал тургай молдо болуп, актык алып, Меккеге ажылыкка да барып келет. Бирок баласы ошол бойдон айыкпаптыр. Андан кийин бир кыздуу болушат, жанагы үйгө кирип-чыгып жүргөн тестиер кыз ошо кызынын кызы экен. Ыраматылык байбичеси көзү өтөөр-өткүчө төшөктөн турбаган уулунун убарасын тартыптыр. Тукумун улап, ордун басаар баласы оорукчал болуп калганына өзүн күнөөлүү сезип жүргөн Сарсенбай анысы былтыр отузга чыгып кайтыш болгондон бери кайгыга батып, эл көрбөй калыптыр.

- Антпесе жанагы сен көргөн короодо кудайдын куттуу күнү эл батпай турчу, - деп аңгемесин аяктады Эржан. - Ал чынында эле кудурети күчтүү табып. Казакстан эле эмес, коңшу өлкөлөрдөн, алтургай чет өлкөдөн да анын дайнын угуп, дартына даба издеп келгендер көп.

- А сен анын кимиси болосуң? - деп сурады тунжурап досунун айтканына кулак төшөп рулду бурап келаткан Эгемберди.

- Мен Сарсенбай ажынын жээни болом. Ал апамдын агасы болот. Баласы кайтыш болгондон бери барып ажыга каралашып турам, - деди Эржан. Аңгыча экөө Эржандын үйүнө да келип калышты. Машинени короого токтотуп, үйдү көздөй басышканда Эржанга куюп койгондой окшош уулу менен кызы чуркап келип, атасынын мойнуна асылып калышты. Эржан экөөнү тең эркелете беттеринен сүйүп:

- Кана, балдарым, аяш атаңар менен учурашкыла, - деди. Уулу кадыресе чоң кишилерче токтоо басып келип, Эгемберди менен кол алышып учурашты. Кызы болсо өзүн күлүмсүрөй карап турган бейтааныш кишини уялыңкы карап алып, "жакшысызбы" деген бойдон ары чуркап кетти. Эгемберди жанында турган кичинекей балага эңкейип:

- Кана, баатыр, атың ким болот? - деп сурады.

- Серик.

- Азаматсың, Серик. Акылдуу чоң жигит бол, - деп Эгемберди чөнтөгүнөн момпосуй алып чыгып ага сунду. Кызы чуркап барып: "Атам бир киши менен келатат" дегенде Сауле ашканадан чыгып, мейман менен учурашты. Эржан айткандай эле аялы татынакай, маңдайы жарык кара тору келин экен.

- Досуке, таанышып ал, бул менин өмүрлүк жарым, балдарымдын апасы, аты Сауле, - деп келинчегин тааныштырды Эржан. - Ал эми бул мейман болсо менин Эгемберди деген досум. Айтып жүрбөдүм беле, бир кыргыз досум бар деп. Ошо однополчаным ушу киши, бүгүн ажыныкына кудай айдап келиптир. Баса, сенин тагаларың болуп кетет, - деп Эгембердини далыга таптап күлдү. Тагаларың болуп кетет дегени Сауленин апасы таластык болчу. Сыйлуу мейманды төркү үйгө киргизип, кат-кат салынган жумшак төшөккө отургузуп коюп, үй ээлери конок камын көрүп атышты. Серик аяш атасынын жанына малдаш токунуп отуруп, тарткан сүрөттөрүн көрсөтө баштады. Эгембердинин суроолоруна таптак жооп берип "өзүм беш жаштамын, эжемдин атыбы, анын аты Аяна, ал жетиде, биринчи класста окуйт" деп божурады. Эс тартып калган Аяна адегенде аяш атасынан чоочуркаганы менен азыр тыпылдап апасына жардамдашып атты. Кооз идиштерге салынган салат менен таттууларды көтөрүп келип дасторконго коюп, кайра чыгып кетет.

- Эржан, Сауле, ушу сулуу кызыңарды өзүм келин кылып алат окшойм, - деди Эгемберди тамаша-чыны аралаш.

- Макул-макул, дос. Куда кааласа, куда болот экенбиз да! - деп Эржан аны коштоду. Ошентип тамашалашып, чын жүрөктөн чыккан тилектерди айтышып отурушту. Сауленин жайпак табакка салып, булоолонто алып келген беш бармагын тамшана жешти. Ал күнү Эгемберди аябай сый көрүп, конок болуп отуруп, кеч жатты. Сауле аяшы төргө салып берген мамык төшөктө жыргап уктап калыптыр. Эртең менен ал уктап жаткан бөлмөгө кичинекей мышыктын баласы кирип кеткенин көргөн Сауле Эгембердинин үстүнө өзү кирип баргандан айбыгып, уулун чакырып "балам, тиги мыймыйды алып чыкчы, аяш атаңдын уйкусун бузбасын" деген. Серик аны кармап тышка алып чыгып баратканда тиги оңбогур колун тытып алыптыр. Серик ыйлап, Сауле анын колун таңып, ызы-чуу түшүп атышканда Эгемберди да ойгонду. Көзүн ушалап, саатын карап, ордунан ыргып турду. Аны көрө койгон Сауле:

- Болду эми ыйлаба, балам, карачы аяш атаңды да ойготуп салдык, - деп өзүн ыңгайсыз сезди.

- Жок, аяш, ага кабатыр болбо. Ойготконуңар кайра жакшы болду. Эртерээк туруп, ажыныкына барайын. Досум кайда? - деп сурады.

- Эржанды акем чакыртып жибериптир. Ошо жакка кеткен, азыр келип калат. Жүрүңүз, чай ичиңиз, - деп иймене жооп берди келин. Эгемберди бети-колун жууп келип, жаңы гана чайга отурганда Эржан да келип калды.

- Жүрү, дос. Чайыңды ич да, ажыныкына баралы, - деди ал. - Ал камынып алып сени күтүп отурат. Муну укканда Эгемберди энтеңдеп сүйүнүп кетти. Бара албайм деп койсо эмне кылам деп санааркап турган. Экөө чай ичип алып, машине менен тез эле жетип барышты. Сарсенбай ажы оюуланган ак чепкенин кийип, ак допусун башына кондуруп тапчанда отурган экен. Кечээ Эгемберди келип кеткенден кийин эле барбасам болбойт деп камына баштаптыр. Даарат алып, намазын окуган соң короо-жайын Эржанга табыштады. Анан машиненин жанына келип, ичи тазаланып, ысырыкталган салонго "быссымылда" деп отурду. Эгемберди досу менен коштошуп, экөө жолго чыгышты. Жолду катар Эгемберди айбыгып музыка койбой келаткан. Жарым сааттай унчукпай жол жүрүшкөн соң Сарсенбай ажы:

- Ой, балам, ыр-пыр дегениң жок беле? Өзүң да үңүрөйүп, мени да мелтиретпей коюп койсоң боло, - деди. Эгемберди ичинен "музыка угам деген молдону биринчи көрүшүм" деп ойлоп алып, бардачоктогу кассеталарын кармалады. Баягы эле Бек Борбиев менен Сыймык Бейшекеевдин ырлары бар болчу. Ошо экөөнүн бирин коеюн деп атканда ажы жылмая карап:

- Эгемберди, жакшылап карасаң, күүлөр бар турбайбы, - деп койду. Кечээ бир нече жолу ушинтип билгендей айтып салып оозун ачырган. Азыр да такай жанында жүргөнсүп айтып турганын кара. Бардачокто чын эле комуз күүлөрү жазылган кассета бар болчу. Аны Эгемберди Жамгырбек же Жумагүл машинеге түшүп калганда коюп коер эле. Жамгырбек өзү да анча-мынча комуз черткен киши. Бул күүлөрдү укканда кадимкидей жарпы жазылып, жыргап калат. Сарсенбай ажы да чеберчилик менен аткарылып аткан "Маш ботойду" угуп, көңүлү куунак. Улам кийинки күүнүн ар бир ыргагына муюп кошо ыргалып келатты. Анткен менен "Сынган бугу" башталганда мостоюп, сакалын сылап ойлуу отуруп калды. Сыягы, дагы жалгыз уулу эсине түшүп, муңканган күү сай-сөөгүн сыздатып, арманын күчөттү окшойт. Төрт саат бою күүлөрдү кайра башынан койдуруп, жадабай угуп келди. Машине асфальт төшөлгөн даңгыр жолдон айылдын өңгүл-дөңгүл жолуна бурулганда гана Эгембердиге кайрылып:

- Эми, Эген, сен экөөбүз баарын алдын ала макулдашып алалы, - деди. - Мындай кылалы. Сен үйгө баргандан кийин Жоодарды чакырып кел. Барсаң эле өзү алдыңа түшүп жөнөйт. Анын жашоосунда чоң өзгөрүүлөр болот. Тагыраак айтканда, боло баштады.

- Эмне болгон өзгөрүүлөр? - деп Эгемберди абышканы суроолуу карады.

- Барганда өзүң көрөсүң, - деп койду ажы. Ошол бойдон башка эч нерсе деген жок. Үйгө келгенде гана Эгемберди машинеден түшүп, карыя отурган арткы салондун эшигин ачып жатып: "Үйдөгүлөргө эч нерсе айтпай эле кетип калдым эле. Аппак кийинген аксакал менен кирип барсам эмне дешээр экен?" деп ойлоп алды. Сарсенбай анын оюн окуп койгонсуп:

- Эч нерсе дешпейт, балам, кам санабай баса бер. Ата-энең түшүнүктүү кишилер тура, - деп Эгембердини ээрчий басты. Айткандай эле, эч кимиси таң калган да, ашыкча суроо берген да жок. Жамгырбек карыя менен амандашып, ал-жай сурашып отуруп калды. Жумагүл менен Дилбар аларды атайылап күн мурунтан күтүп атышкансып, эрте туруп бышырган май токоч менен башка дүйүм-тамакты дасторконго жайнатып, сыйлуу конокко жакшылап чай беришти. Куттубек менен Турсункан Токмоктогу куданыкына тушоо тойго кетишиптир. Мейман чай ичип алып, түшкү намазын окуганча Эгемберди ата-энесине, келинчегине иштин чоо-жайын түшүндүрдү. Жамгырбек үйүнө кут даарыган адам келатканын түндө түшүндө көрүп, эртең менен Актанды кашарга жиберип куйруктуу кыргыз койлордун семизинен алдырып койгон. Алардын конок келе электе эле камын көрүп калганы да ошол болчу. Муну уккан Эгембердинин оозу ого бетер ачылды. Кудайга багыштап койду союп, этин казанга асып койгон соң "жүрү биздикине барып тамак ичип кет" деп айтайын деп Жоодарга келди.

Машинесин Жоодарлардын көчөсүнө буруп, боз ала чаң болуп ойноп жүргөн балдарга сигнал басты. Ошол маалда бала көтөрүп дүкөндөн чыгып келаткан бир келин көзүнө урунду. Анын өңү Эгембердиге тааныштай көрүндү. Машинесин жайлатып жакшылап караса Рая кызын көтөрүп көчөнү бойлой кетип баратат. "Ой, бу Рая го! Бу жакта эмне кылып жүрөт? Ата-энесиникине келген го" деп ойлоп алды. Жолдун четине токтоп, машинеден түшө калып:

- Рая! Рая! - деп кыйкырды. Аны көргөн Рая да токтоп калды. Эгемберди жанына келип, Жоодарга куюп койгондой окшош Айзаданы карап алды. Баягы досу экөө төрөтканага барчуда чыканактай эле кызыл эт ымыркай эле. Эми тороло түшүптүр. Кудай тобо, ушундай да окшоштук болот экен ээ. Кашы, көздөрү, кырдач мурду кудум эле Жоодардын өзү. Рая менен Эгемберди учурашып, ал-жай сурашып туруп калышты.

- Рая, кандайсың? Кызың чоңоюп калыптыр. Төркүлөп келдиңби? - деди Эгемберди эч нерсе ойдо жок эле.

- Жок, кайдан. Биротоло келдим.

- Эмне болуп кетти?

- Мынча жарашкан соң жашап кетейин деп жакшы эле тырыштым. Күйөөмдү сүйбөсөм да сыйлап өтөм го деп тагдырыма баш ийип эле калгам, бирок кайын энем баш болуп, кайнежелерим төш болуп мага өчөшүштү да калды. Баргандан баштап эле кулак-мээмди жеп, бала биздики эмес, сен башка бирөөдөн бозуп келдиң деп эки күндүн биринде чатак салышты. Айзада төрөлгөн соң аларга ого бетер кудай берди. Алмаз каш-кирпигинен бери сары неме да, мен да ак жуумалмын. Кызым экөөбүзгө тең окшобой калбадыбы. Ажырашпайм, чогуу жашайм деп Алмаз да жакшы эле көгөрүп аткан. Акыркы убакта тиги ажаан немелердин тилине кирип, ал да тескери сүйлөй баштаганынан өзүм эле баса бердим. - Рая оор улутунуп алды. - Бирок кызым атасына окшоп калганына эч өкүнбөйм. Келгенден бери Жоодарды көрө албадым. Ал кандай жүрөт?

- Мен да көрө элекмин. Жакшы эле жүрсө керек, - деп койду Эгемберди. Досунун ушу таптагы аянычтуу абалын ансыз да кайгырып турган келинге айтпай эле коеюн деп чечти. - Үйгө бараттың беле? Отур, мен да силер тарапка барам, - деп машиненин арткы эшигин ачты.

Түн ортосу. Жандуу-жансыздын баары дымып, тыным алып жатып калган учур. Таң заардан күн батканга чейин жер менен, мал менен алышып, өлбөстүн күнү көргөн айылдыктар азыр мемиреп таттуу уйкуда. Анда-санда гана иттердин үргөнү, чегирткенин чырылдаганы угулбаса айлана жымжырт. Камалбүнүн түшүнө дагы баягы адатка айланып калган жаман түштөрдүн бири кирип атты. Ойгонуп кетип жанында жаткан Жоодарды карса анын бетине шейшеп жабылып калыптыр. Өлүп калган немече солдоюп, чалкасынан түшүп суналып жатат. Дем алганы да байкалбайт. Камалбү Жоодар чын эле өлүп калганбы деп үрөйү учуп кетти. Кечки тамакка баштыктагы чөптүн акыркысын кагып кошуп берген. Ошондо күндөгүдөн ашыгыраак берип алгам го деп анда жан жок. Өз эримди өз колум менен өлтүрүп алган турбаймынбы деп ойлогондо төбө чачы тик турду. Бүткөн бою калчылдап, өңгүрөп ыйлаганы калды. Калтыраган колу менен шейшепти тартып бетин ачып ийди. Жок, бул Жоодар эмес экен. Узун кара чачы далысына түшкөн жаш кыз. Бети-башы чыңалып көпкөк болуп кетиптир. Мойнунда сыйыртмактын көгүш тагы байкалат. Ал кыздын ким экенин тааный баштаган сайын Камалбүнүн көзү алайып баратты. Ооба, бул курбусу Мээрим болчу. Анын жансыз денесин карап алып, бурчта бүрүшүп отурган бойдон Камалбү бакырып-өкүрүп ыйлай баштады. Көзүн ачса Жоодар аны ийиндеринен кармап силкилдетип атыптыр. Эми чындап ойгонду. Дагы эле калч-калч этип титиреп атты. Катуу ыйлап атып жаңы сооронгондой өпкө-өпкөсүнө батпай солкулдайт. Арт жагында жатып алып эле өзүнчө тыбырчылап, чебелектеп, акыры үңүлдөй баштаганда Жоодар аны араң ойготкон. Ошондо да көздөрү аңтарылып баратып, Жоодар эки жолу жаакка чаап жибергенде гана Камалбү өзүнө келген.

- Өх! - деп жеңилдене үшкүрүп алды.

- Сага эмне болду? Жаман түш көрдүңбү? - деди Жоодар аны элейе карап.

- Ооба. Сенин да уйкуңду буздумбу? - Камалбү жашын сүртүп, тынч алып калды.

- Жок. Мен ашказаным бурап оорутуп уктай албай жатам, - деген Жоодар ичине сүргүнү ороп алып, үч бүктөлүп жатып калды. Камалбү жаңы гана ары оодарылып баратып терезеден өзүн акырая карап турган Замирди көрдү. Сакал-муруту сапсайып, көздөрү жапайы жырткычтыкындай күйүп турат. Камалбү "Аа-а!" деп бакырып Жоодарга жабышты. Ары жакта уктап жаткан Максат да чочуп кетип ыйлай баштады. Жоодар бир колу менен аны кучактап, бир колтугуна тиши-тишине тийбей калчылдаган аялын кысып отуруп калды.

- Эмне эле болуп атасың? Баланы да чочуттуң? Эмнеден коркуп кеттиң? - деп Камалбү жаңсаган жакты, терезени карайт. - Ал жакта айдан башка эч ким жок. Тигине өзүң деле карасаң!

- Жок-жок, ! - Камалбү башын чайкап, эки колу менен бетин жаап, терезени карабай койду. Терезеге тартылган парданын жылчыгынан толгон ай тептегерек болуп үйдүн ичин шыкаалап турган.

Бала да Максат кайра эле уйкуга кетти. Ал түнү Жоодар ооруган ашказанын кучактап, Камалбү түрсүлдөп соккон жүрөгүнүн дабышын тыңшап уктабай чыгышты.

Эртең менен Камалбү башы зыңылдап ооруп, төшөктөн араң турду. Денеси оор тартып, шишип-көөп калган. Уйларды саап келип, үйгө кирип күзүгүгө карана калып эле дагы ачуу чаңырды. Бетинин шишиги тараганы менен оозу-мурду бир жагына кыйшайып калган эле. Күзгүгө кайра каранып тирукмуш жезкемпирге окшогон аялды көргөндө колуна тийген нерсе менен аны бир урду. Дубалга такай илинген сүйрү күзгү бырчыланып күбүлүп түштү. Жоодар Максатты жетелеп уйларды бадага кошкону айдап кеткен. Келсе кире бериштеги күзгү быркырап сынган, алаканы менен бетин басып, Камалбү жерде жатат. Жоодар аны көтөрүп келип, керебетке жаткырды. Үстүн жылуулап жаап, жанында көпкө отурду. Камалбү акылдан адашкан немече улам уңулдап ыйлап, кайра басылып, бир маалда тура калып, каткырып күлүп, Жоодарды төшкө койгулап, жулунуп-жулкунуп атты. Эркек башы менен ал тынчтанып жатып калганча алыша берип, Жоодардын эси ооду. Дагы жакшы Максат көчөдө чүкө ойноп аткан балдарга алаксып калып калган. Мунун баарын көрсө жүрөгү түшмөк экен. Камалбү дубал жакты карап жаткан бойдон жай дем алып, уктап калгансыды. Чыгып кетсем дагы бир балээ болбосун деп Жоодар ордунан жылбай отура берди. Тышка дүрүлдөп машине келип токтогондо гана сыртка чыкты. Эгемберди жаңы эле машинеден түшүп бери келаткан. Бала көтөргөн бир келин аны менен коштошуп, ары басканын Жоодар байкады, бирок Раяны тааныган жок. Эки дос учурашып, короого киришти. Түнү менен уктабаганга Жоодардын жаактары шалпайып, өңү кумсарып, көздөрү чүңүрөйүп, ого бетер кебетеси келишип калыптыр. Досунун жүдөңкү кейпин көрүп Эгембердинин жаны ачыды. "Жоодар жакындай электе Рая ары узап кеткени ырас болгон тура, антпесе мунун ушу кейпин көрсө байкуш келин таптакыр чөкмөк экен" деп ойлоду. Эгемберди "Биздикине бир чоң молдо келди, жүр барып тамак жеп кел" дегенде Жоодар ошо турган турпатында эле анын алдына түштү. Көчөдө ойноп жүргөн Максатты чакырып жанына отургузду да, сыртта карап турган досуна:

- Ай, айдабайсыңбы машинеңди. Чакырып алып анан кайра селейип турасың да, - деп койду. "Кудая тобо, ажынын бул айтканы да туура чыкты" деп ойлоп алган Эгемберди машинесин от алдырды. Ал досу азыр үйүнө кирип, Камалбүдөн уруксат сурап, "бара албайт окшойм" деп мыңкылдап чыгат го деп турган. Аялы үйүндө жок болсо керек деп божомолдоп, "кайда кетти эле?" деп сурайын деди, бирок эсине салып койсом кайра үйүнө кетип калабы деп коркуп унчукпады. Керебетте кыркырап уктап аткан Камалбүнү ал көргөн эмес. Жоодар болсо өз башында тоодой коркунуч турганынан кабары жок. Чоң молдо келди дегенди угуп, аялына дем салдырып, жүрөгүн көтөртүш керек деп бараткан. Эгембердиникине келип, төрдө отурган ак чепкен, ак топучан карыя менен Жамгырбек аяш атасына "Ассалом Алейкум!" деп салам айтты. Эки абышка тең алик алып, аны да төргө отургузушту. Жамгырбек Жоодарды көптөн бери көрө элек эле, адеп кирип келгенде тааныбай да калды. Тааныш үнүн укканда гана сөөмөйдөй болуп калган немени карап алып, үшкүрүп койду. Молдонун жанына отургандан тартып Жоодар өзүн кадимкидей жеңил сезе баштады. Башы тумандап, көзү мунарыктап турар эле, азыр каптап турган чел кабыгын бирөө алып койгонсуп, көздөрү ачыла түштү. Жоодар көздөрүн ирмегилеп алып, айланадагыларды башкача көз менен карады. Сарсенбай ажы сыр бербей шорподон ууртап отурат. Бир чыныдан шорпо берилген соң, колго суу куюлуп, тамак тартылды. Дилбар оштук болгондуктан ашты кыйын демдечү. Азыр да өзгөн күрүчүнөн чачырата басылган даамдуу палоонун үстүнө майда тууралган этти үйүп, көтөрүп келип коноктордун алдына койду. Сарсенбай ажы алдындагы устуканды четинен кесип жеп отурганы менен Жоодардын ар бир кыймылын байкап, оюнда эмне бар экенин билип атты. Дасторконго бата тиленип, колго суу куюлган соң Жоодар үйдө келинчеги ооруп жатканын айтып, ошого дем салып берип коюшун молдодон суранды. Табып макул дегендей башын ийкеп, сыртка чыгып келди да:

- Бери карап отур, карагым, сен да сыркоолоп тургандайсың. Бир жериң ооруган жокпу? - деп сурады билмексен болуп,

- Ооба, ашказаным түнү менен ооруп чыкты, антип көптөн бери эле ооруп жүрөм, - деди Жоодар.

- Азыр келинчегиң экөөңө тең дем сала баштайм. Камтама болбой отура бер, баары жакшы болот, - деген табыптын коңур үнүн уккан сайын Жоодардын жаны жай алып, магдырап баратты. Эгемберди да досун жайгарып: "Эч нерсени ойлонбой, отура бер. Максат тамак жеп алып, короодо Арсландар менен ойноп атат. Үй жагыңды да кошунаңа табыштап койдум" деп чыгып кеткен. Көзү илинип баратып, чала-була көргөнү: молдо так түбүнө келип, "сүф-сүф" деп камчы менен далыга чаап атты. Анын камчысы жонуна тийген сайын эти ооруксунбай эле бирөө эркелете жумшак сылап аткандай сезилди. Дагы бир убакта көзүн ачып элес-булас көргөнү: табып колуна кара тоокту кармап алып, Жоодардын башынан айлантып атыптыр. Анан маасысынан кончунан макисин алып чыгып, тоокту мууздап жиберди. Кекиртегинен кан шоргологон тоок дирт-дирт этип дагы эле жаны чыга элек. Сарсенбай ажы аны ары-бери тегеретип, бирдемелерди күбүрөп атат. Жоодардын кирпиктери оор тартып, кайра уйкуга чөмүлүп баратты. Ошентип уйку-соонун ортосунда канча жатканы белгисиз, көзүн ачса каш карайып, караңгы кирип калыптыр. Табып күн батышты карап тизелеп отуруп алып, шам намазын окуп аткан экен. Жоодар эмеле түш боло элек эле го, анан кантип тез эле кеч кирип калды деп таң калды. Өйдө туруп боюн түзөп, кайра чөгөлөп жыгылып аткан молдону таңдана карап жата берди. Бир маалда намазы бүттү окшойт, молдо жай намазын жыйып, Жоодарга бурулду. Жоодар турайын деп обдулду эле, ал колун өйдө кылып:

- Жат, балам, жата бер. Сен азыр алсызсың. Турбай эле кой, - деди. Чын эле Жоодардын өйдө болоор дарманы жок. Шалдырап жатып калды. Табып дубасын окуй баштаганда кайрадан көздөрү жумулуп, уйкуга кетти.. .

Эгембердинин үйүндө Сарсенбай ажы таң атканга чейин Жоодарга дем салды. Эгемберди Жамбылга бекеринен барбаптыр, чоң молдону өзү менен чогуу ала келгени ырас болгон экен. Дагы бир аз кечеңдеткенде досунан айрылып калат беле. Жоодар ошондон кийин кадимкидей оңолуп жакшы болуп кетти. Бирок Камалбү оорукчал болуп калды. Салыйка келип, болгонун болгондой уккандан кийин кызынын кылыгына аябай кейиди. Жоодардан, куда-кудагыйынан кечирим сурап, Камалбүнү алып кетти. Кийинчерээк угушуна караганда бүбү-бакшыларга көрсөтүп, эч ылаажы болбогондо жиндиканага тапшырыптыр. Баса, Камалбү барып жүргөн көзү ачык Жоодар экөөнө эле эмес, көп адамдардын денсоолугуна зыян келтириптир. Анын үстүнөн арыз түшүп, милийсага сурак берип, камакта жатат деп да айтышты.

Артыкбай менен Жамийла уулун айыктырганы үчүн Сарсенбай ажыга кантип ыраазычылык билдиришээрин билбей, тай союп, дагы эки күн коноктошту. Акыры Жамийла менен Жумагүл кеңешип, ажыга Ажар көз майын коротуп көркөмдөп сайган баркыт чепкенди жаап, башына суусар тебетей кийгизишти. Артыкбай табыптын алдына алкынган күлүк атын тартты. Эгемберди Сарсенбай ажыны Жамбылга жеткирип барып, Эржан досун үйбүлөсү менен ала келди. Жоодарды тааныштырып, "Баягы айткан досум ушу. Куда калааса жакшы болуп келатат" деп чын дилинен сүйүндү. Дилбар күйөөсүн четке чакырып:

- Эгемберди, досуңду үйбүлөсү менен көлгө алып барып келсек кантет. Былтыр Гүлмиранын себин алып барабыз деп жүрүп өзүбүз да эс албай калдык эле, - дегенде Эгемберди аялынын акылына таң берди.

- Туура айтасың. Эгер макул десең Жоодарды да алып алалы. Аны азыр ошентип алаксытпасак болбойт. Ушундай акылдуу аялым бар дейм да, - деп Дилбарды бооруна кысып, эрдинен өптү. Дилбар да күйөөсүн карап, башын чайкады да:

- Досторум дегенде тим эле өлүп турасың ээ. Сендей достукту жогору баалаган адамды көрө элекмин. Жаным десе, досторуң да сага ошондой күйсө эле болду, - деди.

Сентябрдын орто чени болуп калгандыктан, көл жээгинде жайындагыдай быкылдаган эл жок, пляждардын баары ээн экен. Күндүн илеби кайтып калган, бирок көл жыпжылуу. Сууга кирип алсаң чыккың келбейт. Эгембердилердин бактысына алар барган күндөрү жамгыр жааган жок. Балдар чурулдап-чуркурап көлгө түшүп атышты. Сууну жээктеп кубалашып, кумдан үй жасап ойношту. Үч дос жээкти бойлой басып, Эгемберди менен Эржан аскердик күндөрүн эстегенде Жоодар алардын кызыктуу да, күлкүлүү да жоруктарын угуп, каткырып атты. Жалгыз калганда мелтиреп чалкып жаткан керемет көлдү тиктеп бир саам ойго бата калат да, кайрадан балдардын арасында мотураңдап ойноп жүргөн Максатты карап алып өзүнчө кайраттанат: "Мейли, кудай мага өмүрлүк жардан айткан эмес экен. Анткен менен бой тиреп биринин артынан бири өсүп келаткан уулдарым бар. Ошолор үчүн жашашым керек. Ушу уулдарымдын амандыгын тилейин. Алар мени тартпай, менин каталарымды кайталабай жакшы жарга туш болушсун. Ошолордун уул-кыздарын эркелетип, бактылуу жашаганын көргөнүмдүн өзү эле чексиз бакыт эмеспи". Бир жума жүрүп, жакшы эс алып кайтышты. Баары бапырап бир үйбүлөдөй болуп калышкан. Үчөө мындан ары да үйбүлөбүз менен катташып турабыз деп бири-бирине убада беришти.

Жоодар Максатты багып, кайрадан бойдоктун күнүн кечире баштады. Күндөн-күнгө өңүнө келип, күч-кубатка толуп, оңолуп баратканын жакындары да, өзү да сезип атты. Бир күнү Жоодар менен кеңешкен соң Артыкбай менен Жамийла атайын камынып алып, Раянын ата-энесине кызынын колун сурап барышты. Ала качып кеткен жеринен турмушу болбой жүргөн кызын кайра жараштырса да болбой баса бергенден бери алар да өздөрүнчө кайгырып жүрүшкөн. Айылдын аттуу-баштуу карылары улуу башын кичик кылып Раянын колун сурап келгенде Карымшак менен Насипа дабдырап эле калышты. Алар көп жылдан бери мал менен жакада жашагандыктан, айылдагы анча-мынча жаңылыкты укпай деле калышчу. Насипа башка аялдар өңдөнүп ушак-айыңга жакын болгондо мурдатан эле кызы үйбүлөсү бар эркек менен жакындашканын, аны болсо аялы окутуп койгонунан бери укпайт беле. Бирок анын андай жаман адаты жок болчу. Абысын-ажындары башы бириге калганда өздөрүнчө шыпшынып ушакташа баштаганда ордунан туруп сыртка чыгып кетчү. Күйөөсү Карымшак да бирөөнүн турмушуна кийлигишкенди жактырчу эмес. Жээн неберелүү болушканда же куда-кудагыйына же өздөрүнө окшобогон Айзаданы карап туруп деле шек санашкан жок. Эми гана Артыкбай менен Жамийла "Балдар мурдатан эле мамилелеш экен, алтургай кыздуу да болушуптур, эми экөөнүн тең баштары бош. Макулдугуңарды бергиле, кол кармаштырып коелу" дегенде баарын түшүнүштү. "Экөөнүн көңүлү бар болсо биз эмнеге каршы болмок элек. Бактылуу болушсун" деп баталарын беришти.

Жоодар көзүн ачса айлана жапжарык. Төбөсүнөн тийген күн чайыттай ачылып, туш тарабында түркүн гүлдөр жайнайт. Жанатан бери жайкалган жашыл шиберде көшүлүп уктап кеткен тура. Ушундай ажайып кооз жайлоолордун биринде кой кайтарып, жылаңайлак чуркап жүргөн бала кезине келип калгандай болду. Ооба, мобу аңкыган тоо гүлдөрүнүн жыпар жыты, шыбактын кычкыл жыты ага бала чагынан тааныш. Өзгөчө шыбактын ушу жытын башка толгон-токой жыттардын арасынан жаңылбай тааныйт. Шаарда окуп, кийинчерээк жашап жүргөндө да ата-энесинен кийин эле дал ушу жытты сагынчу. Чалкасынан түшүп, укмуштай таза абадан кере-кере дем алды. Тукабадай жайкалган көк майсаңда моокуму канганча оонап жата бергиси келди.

- Ээй, Жоода-ар! Кайдасың! - деген аялдын тааныш үнү кулагына угулганда гана Жоодар ордунан туруп, эки жагын карады. Колуна толтура кызыл-тазыл гүл көтөрүп келе жаткан кызыл көйнөкчөн жаш келин өзү да жоогазынга окшоп калыптыр. Айдарым жел этек-жеңин желбиреткен сайын жука көйнөгүнүн астындагы келишимдүү мүчөсү даана байкалат. Рая жадырай басып келип, жан биргесинин төшүнө башын жөлөдү.

- Жаным, сен кайда жүрдүң? Биз сени сагынып кеттик! - деп жалжылдаган көздөрү менен наздана карады. Жоодардын жүрөгү элжиреп, көңүлү эргип турду. Раяны жерден таптак көтөрүп:

- Рая, мен сени сүйөм! Сен менин эң асыл адамымсың! - деп тоолорду жаңырта кыйкырды. Аны бекем кучактап алып, тегеренткен сайын Рая да Жоодардын мойнуна колун оролтуп, шыңкылдап каткырды:

- Болду, Жоодар! Токтот! Башым айланып кетти!

- Мени сүйөм деп айт, анан токтотом. Болбосо ушинтип айланта берем, - деп Жоодар да ансайын күчөдү. Рая ого бетер шаңкылдап:

- Сүйөм! Сүйөм, байкебай, сизди гана сүйөм! - деп кыйкырганда гана Жоодар аны жерге түшүрдү. Эки жаш бири-бирине кыналыша өбүшүп атышты. Ошол маалда "Ата-а! Апа-а! Биз бул жактабыз!" - деп тызылдап чуркап келе жаткан Максат менен Айзада көрүндү. Айзада али тыңыраак баса элек, агасы алдыга озуп кеткенде артта калып калдым дегенсип отура калып, ызаланып ыйлай баштады. Жоодар кызына чуркап жетип, аны жерден илип алып, жапайы бүлдүркөн, кожогат жеп карала-торала болгон бетинен өптү. Артта Рая Максатты эркелете кучактап, чекесинен сүйдү да, колунан жетелеп күйөөсүн көздөй басты. Ал уулу менен кызы кичине чакага терип келген бүлдүркөндөн Жоодардын оозуна салып, жылмая карады. Колундагы гүлдөрдөн өрүлгөн чамбарларды эринин, уул-кызынын баштарына кийгизди. Өзү да кийип алып, шыңкылдап күлсө ого бетер аппак жүзү тамылжып супсулуу болуп калат экен. Төмөн жактан "Ээй, бери түшкүлө! Тамак бышып калды!" деп кыйкырган үн угулду. Шаркыраган агын суунун жээгине тигилген ак өргөөдө аларды Салима менен Жайнак уулу Кайрат болуп күтүп атышкан. Төртөө кол кармашып төмөн түшүп баратышты. Бул учурда дүйнөдө алардан өткөн бактылуу адам жок эле. Мындан ары алар жер бетиндеги эң бактылуу жандар.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз