Айгүл ШАРШЕН


"Эки күйөөлүү аял"


Эмесе сөз башынан болсун.

Саадат Чоң-Кеминдин бир айылынан. Кудай кошкон жубайы менен он жылдай жашап, төрт баланын энеси болгон. Күйөөсү эл катары иштеп, бирде бар, бирде жок болуп, эл агымы өзгөрүлгөндө алардын турмушунан жарака кетип, жашоолору экиге бөлүндү. Эрди-катын кеңешип туруп, үйүнүн кызыл китебин барымтага коюп акча алышат. Алынган көп акча ай сайын тууп, көбөйүп баратты. Бир күнү алардын үйүнө бир аял менен бир киши келди.

- Саламатсыздарбы?

- Саламат, силер ким? - Саадаттын күйөөсү Темир аларды үңүрөйө карап суроо узатты, анткени Саадаттын акча алган кишилерин ал көргөн эмес.

- Биз процентке келдик эле, жок дегенде үстүн бербесеңер процентиңер көбөйүп, үйүңөрдөн айрылып каласыңар.

- Ал кандай акча? - деп Темир такыр укпаган болуп сурады.

- Эмне, аялың айткан жок беле? - деди өзүн Клара деп тааныштырган аял.

- Жок.

- Анда, иничек, - деди жанындагы эркек. - Мына бул үйдүн документин коюп, аялың бизден акча алган, эки жолу беш миңден, он миң алган.

- Анысын билбейт экенмин.

- Анда эки айдан бери бере элек, алты миң сом бересиңер, эртең келебиз, даярдап койгула.

- Көрөм го, аялым келсе сүйлөшөм.

- Даяр болсун, убара болбойлу, - деген Клара менен Бексултан жөнөй берди.

Темир ойлонуп калды: "Эмне кылуу керек, алты миңди берип койсок тынч жашайт элек, кайдан табабыз" деп ойлонуп отурганда Саадат келип калды. Ал күйөөсүнүн кабагы карыш түшүп отурганын көрүп:


- Эмне болду? - деди кабатырлана.

- Эмне болмок эле, баягы акчанын үстүн бергиле деп келип кетишти. Эки айга алты миң болгон тура.

- Ошону берсек болмок, сен да иштебей койдуң.

- Каякка иштейм, же жалданайынбы? - Темирдин ачуусу келип кетти.

- Элдин эркектери иштеп эле жатпайбы.

- Анда ошол элдин эрине тийип ал!

- Ушундай кыялыңдан иштей албай жүрөсүң да, төрт баланы мен капка бууп багамбы?!

- Бакпасаң таштап сал, эртеңкиге алты миң сом таап кел, экинчи карыздарыңды көзүм көрбөсүн!

- Ошол карыздарды мен эмне талаага алып бардымбы, чогуу ичип-жегенбиз, - Саадат дагы тилин тартпай жиндене булкунду. - Сен деле иштесең болмок, жалгыз менин иштегеним балдарга жетеби же экөөбүзгөбү?

- Билгениңди кыл да, акча таап келип кой, үйдө тынч отура турган болоюн.

- Сен дагы изде, мен дагы издейм.

- Мен кайдан издейм?

- Кайдан билем, изде да.

- Эн-неңди, карасаң муну, - Темир аны жаакка бир койду. - Мени менен акыйлашкыча акча тапканды ойлонбойсуңбу.

- Ким берет, карызыбыз бар экенин билгендер бере коебу?

- Анда үйдөн жогол, качан акча тапканда келесиң!

- Эмнеге кетем?

- Ушинтип эле кетесиң, качан карызды төлөйсүң, ошондо үйгө киресиң, - Темир аны колунан сүйрөй сыртка чыгарып койду. Көзүнүн жашын көлдөткөн Саадат сыртта көпкө турду, дагы бирдеме десе күйөөсүнүн кызыл-ала кылып сабаарын билет. Канча турду ким билет, каш карайганда Темир анын кийим-кечесин алып чыгып колуна карматты да: - Башты оорутпай жолуңа түш да, карызды таап кел, ага чейин келбе! - деп эшигин катуу жаап кирип баратып, кайра минтти: - Балдарды көрөм деп ойлобо!

- Темир, менин күнөөм кайсы?

Анын сөзүн да уккан эч ким болбоду, Саадат кийим салынган пакетти көтөрүп, аргасыз башы оогон жакка кетип баратты. Тагдырдын бурганактуу бороону буюктуруп кайда алпарып таштаарын билбей көз жашы көлдөп, аялдаманы көздөй жөнөдү.

Саадат менен Темир мындан мурун да далай жолу урушуп-талашышкан. Даяр оокатка көнүп, керээлден кечке бош жатканы аз келгенсип Темир Саадатты сабап, тепкилеп да жүргөн. Баласы үчүн эне байкуш зулумга да аргасыз чыдап, баланын жашоосу, келечеги үчүн баарына кайыл болот эмеспи. Саадат дагы бүт өмүрүн балдары үчүн жумшоого даяр эле. Бирок ошол кезде балдары үчүн дагы бир башка эркекти алдап, анын жүзүн тик кароодон тартынып, чындыкты жүрөгүнө катып, аргасыз эки жүздүү болуп жашаарын билген да, туйган да эмес…

Саадат ызасын, ички арманын кулк эттире жутуп алып, бир таанышы аркылуу батирге орношту. Өзү бою пас, арыкчырай сары келин. Акыркы убакта каны аздыктын азабын тартып жүргөн. Адегенде тааныштарынын арты менен манты сатып, Аламүдүн базарына чыга баштады. Жумуш менен алаксып жүрсө да, балдары эсинен чыкпай, жеген тамагы кекиртегинен өтпөй түйүлө түшөт. Убакыт өтүп, бир аз акча топтогон соң анысын көтөрүп, балдарына келди. Ал кезде арадан бир ай өтүп кеткен. Темир үйдө экен, балдары жабалактап басып калышты. Эң кичүүсү Элина:

- Апа, чиш кетпейчишби, мен чишти чагындым, - деди ага асыла.

- Кызым, мен иштеп жатпайынбы.

- Иштейчишби?

- Ийи, сага кийим-кече, конфет үчүн иштеп жатпайынбы?

- Аа-а, Айка эжем, Тику акемдейге да апкелечишби?

- Ооба, кызым, баарыңарга алып келем.

- Атамачы?

Наристе апасын суроолуу карады, Эрди-катын экөө эки жерде үн катпай кенже кызынын быдылдаган тилин угуп, ошону менен бирге бул жансыз жашоолору кайда барып токтоорун сезбей отурушту. Ошол барышта Саадат карыз бергендерге акелеп-жакелеп үч миң сом берип кетти. Кара жанын карч уруп манты жасап сатып, андан кийин тааныш таап, дагы процент алып, карызына берип турду. Абдан кыйналды, ойлонду. Бир жагынан түйшүк жанын кейитип кан басымы көтөрүлүп ооруп калды, өңгөдөн да бир ныптасы кыймылдабай калганы зээнин кейитип, төшөк тартып жатып калды. Ошол учурда ага- иниси же бир туугандары андан кабар албады. Ооруканада жатып, эки ай дегенде бир аз басып калды. Ошентип азап менен тозоктун чеңгээлинен чыгып, тыңый баштаганда кайрадан түйшүк тартып манты сатып, базарга чыга баштады. Бир күнү аны менен чогуу жашаган келиндин таанышы жолугуп калып, көпкө сүйлөшүп туруп, кечинде келди.

- Саламатсыңарбы, кыздар!

- Кел, кел, Самат.

- Келип калдык, жигиттердин көзүн кызарткан, жалжал карап жанды кыйнаган, силердей келиндер үчүн келдим да? - Самат култуңдап күлүп койду.

- Келгениң жакшы, өзүбүз да зеригип отурган элек, - деп Алмагүл аны сырдуу карап койду. Үчөө Самат алып келген винодон аз-аздан ичип, куурдактан жеп отурганда эшик такылдап калды. Алмагүл чыгып кетип, ошол бойдон кирбеди. Саадат тартынып унчукпай отурган. Самат бойдок эле, ал ичке, арыкчырай ак жуумал келинди эптеп торго түшүрмөк болуп, ар кайсыны сүйлөп отурду.

- Саадат, сүйлөп отурбайсызбы?

- Эмнени сүйлөйм?

- Унчукпас оюн ойногон жокпуз го, бирдемени сүйлөй отур, өзүң жөнүндө…

- Мен жөнүндө угууга кызыкпай эле коюңузчу.

- Неге, адам бири-бирине кызыгуудан көп нерсеге туш болушат да, мисалы, сиз бойдок, мен да бойдок дегендей…

- Мен бойдок эмесмин да, иштеп эле жүрөм.

- Ошентсе да кобурашып, үйбүлөң жөнүндө айтып отур.

- Сиз сүйлөп бербейсизби?

- Мейли анда, сөздү өзүң башта дегени турасың го?

- Ошондой…

- Менин аялым өзүбүздүн эле көлдөн, үч уулум бар, бирок аялымдын аягы суюктугу экөөбүздү эки жакка бөлүп жиберди… - Самат дал ошол күндү көз алдына келтирип, терең ойго бериле отуруп айта баштады.

Самат он тогузунда бир кызды артынан жүгүрүп аябай бериле сүйдү. Кыздын аты Назира болчу. Акыры жүгүрүп жүрүп бир күнү максатына жетти. Кыздын көз карашы деле түз экен. Ошентип жаштыктын жалындаган алоо отуна күйүп, эки жаш сүйлөшүп калышты. Айдың көлдүн жээгинде, айлуу түндүн биринде экөө кыналыша бирге басып, көлдүн шарпылдаган толкунун тыңшап, келечек жөнүндө ой-максаттарын бир-бирине төгүп, махабаттын аруу сезиминде каалгып кетип баратышты.

- Назира, үйлөнүп албайлыбы?

- Самат, бир аз кое тур, мен окууга тапшырып алайын.

- Сени бирөө алып кетип калсачы?

- Ким?

- Деги да…

- Койчу, Самат, мени алып кеткен күндө дагы отурбайм.

- Ишенбейм, кыргыздын салты бар го таш түшкөн жеринде оор деген.

- Баары бир мен отурбайм.

- Ата-энең отургузуп койсочу?

- Алар антпейт.

- Окуп калганда мени таштап кетсеңчи?

- Кантип, сени сүйүп туруп таштап кетмек белем, сен мага ишенбейсиң, балким сен мени мен сүйгөндөй сүйбөйсүң? - Назира таарынып алдыга ылдамдай басты.

- Назира, таарынбачы, мен сени сүйгөндүктөн сенден айрылып калуудан корком, - Самат ага жете келип карыдан алды. - Андан көрө мени хулиган деп ата-энең бербей койсочу?

- Андай да, мындай да болбойт, мен кимди сүйсөм, жактырсам, ошого гана турмушка чыгам!

- Алтыным десе, мени таштап кетпесең эле болду.

- Дагы баштадыңбы?

- Болду, болду эми.

- Самат, сен чындап эле мени сүйөсүң, ээ? - Кыз ага айдын бүлбүл жарыгында жылмая карап сурады.

- Сени жанымдан да артык сүйөм!

- Жанынан да артык сүйүүгө болобу?

- Сөзсүз болот.

- Эгер мен көлгө чөгүп баратсам, мени куткарууга сүзгөндү билбесең да барат белең?

- Көлдүн кулуну боло туруп, сүзгөндү билбесем болбойт го?

- Деги да.

- Сөзсүз бармакмын.

- Эгер менин кинодогудай жүрөгүм алмашыла турган болсо же көзүмдү…

- Назира, андай жаман сөздү айтпачы, анын бетин ары кылсын, - Самат Назираны сүйлөтпөй оозун баса калды.

- Жок-жок, сен жооп берүүдөн качпа, ошондой болсо кантет элең?

- Андай болсо эч качан аянмак эмесмин!

- Чынбы?

- Чыпа-чын!

- Рахмат, - Ойноо, бала кыял кыз-жигитти бажырая караган айдын нуру экөөнө суктангандай эки жаштын артынан ээрчий карап кылайып төбөдө турду.

- Нази.

- Ийи.

- Сен дагы мени сүйөсүңбү?

- Ооба.

- Жарабайт, сүйөм деп айт! - Самат аны кучактай калды.

- Сама-ат, мен сени сүйө-өм! - Кыз кыткылыктай жүгүрүп жөнөдү. - Сама-ат, мен сени сүйө-өм, аябай сүйөм!

- Мен дагы, мен дагы сени сүйөм, Назира-а! - Самат анын артынан чуркап жүрүп, түнкү муздак аба чыйрыктырып үшүтө баштаганда гана үйлөрүн көздөй жөнөштү. Бул жолугушуу алардын акыркы жолугушуусу экенин оюнга тойбогон, жаштыктын кумарлуу деми делөөрүткөн жаштар кайдан билишсин. Кыналыша колтукташып, не деген таттуу кыялдарга жетеленишпеди, не деген максаттарды алдыларына койбоду. Самат кызды үйүнө узатып барганда да, бөлүнө алышпай көпкө турушту. Кыз жигитинин ийинине башын жөлөп:

- Сама-ат, - деди.

- Оов!

- Мен окууга өтүп калсам барып турасыңбы?

- Сөзсүз барам, сен окусаң, мен иштейм.

- Чын элеби? - Кыздын көздөрү жайнап кетти.

- Чыпа-чын!

- Күндө жолугуп турабыз, ээ?

- Ананчы.

- Мен сенсиз тура албачудай боло берем…

- Мен дагы, ошон үчүн үйлөнүп алсак болмок, өзүм эле окутуп алмакмын.

- Атам болбой жатпайбы, күйөөгө тийсең окубай каласың деп.

- Макул, окусаң оку, мен күндө кечинде жаныңда болом, күндүзү иштейм.

- Сөз бер?!

- Сөз берем!

- Анда… - Кыз мойнун созуп, согончогун көтөрө жигитин өөп коюп жүгүрүп кетти. - Жакшы ба-ар! - деп короосуна кирип көрүнбөй калды. Ошентип ошонун эртеси келген Самат Назиранын шашылыш шаарга кеткенин угуп, шалдая түштү. Көрсө, анын кеч келгенин көргөн атасы урушуп, түндөп даярдантып, таң ата машинасына салып, шаарга алып кетип калыптыр. Арадан бир жума өтпөй шаарга келген Самат анын кайсы окуу жайда экенин билбей убараланды. Өзү айткан окуу жайда жок болуп чыкты. Ошол жылы Назира биринчи курста окуп жатканда эле аны ата-энеси күйөөгө берип коюшту. Назиранын ыйлаганын да, сүйлөшкөн жигитим бар дегенин да, уккусу келбей атасы өзү макулдашып кызын берип ийди. Самат аргасыз сүйгөнүнөн айрылып кала берди, айылга кайра келип апасына:

- Апа, үйлөнбөйүнбү, жүрө беремби? - деди ызалуу, ошентсе эле баарын унутам деп ойлогон.

- Апей, балам, армияга барып кел, анан үйлөнөсүң.

- Аны да көрө жатаарбыз, үйлөнбөсөм болбойт.

- Макул, сүйлөшкөн кызың барбы, атаңа айтайын.

- Жок.

- Анан кимди аласың? - Эне күлүмсүрөй карады.

- Билбейм.

- Ошо кантип болсун, уулум, - деди эне акырын уулуна жумшак сүйлөп. - Ылайыктуу кыздар менен сүйлөшүп көр, анан көрөбүз да?

- Сүйлөшпөй эле алам.

- Эмнеге?

- Сүйлөшсөң, сүйлөшпөсөң да баары бир экен?

- Жо-ок, уулум, андай болбойт, сүйлөшүп көргөнүң дурус болоор… - Эне уулун ойлуу карап койду, ал баласынын ички сырын түшүнүп эле турду, баарын уккан.

Самат бала кезинен эле ичип алып, көрүнгөн менен мушташып, токмоктошуп жүргөн неме болчу. Эне үчүн жакшыбы-жаманбы, баш кесерби, баары бир бала эмеспи. Саматтын атасы өгөй болчу. Ал тургай ал ачуусу менен: "Менин балам эмес" деп койгон күндөрү да болгон. Эне тымызын улутунуп алды: "Карандай амандыгын кудайдан тилеп, багын тилеген эмес экенмин, мындан аркысы жакшы болсо экен, али турмуш жолу баштала элек эмеспи" деп алды оюнда. Ал унчукпай калганда Самат сыртка чыгып кетти. Армияга да барып келди. Ушул Бурулканга үйлөнөөрдө достору менен ичип жүргөн эле. Кызуу кетип баратышса алдынан эки кыз чыкты.

- Чоң кыздар! - деди Самат теңселе.

- Эй, койсончу, кыздарга тийишпе, - аны жанындагысы тыйды.

- Эмне экен, азыр ушу кыздар менен таанышам да, жакканына үйлөнөм! - Самат болбой эле эки кыздын алдын тороду. - Кыз-здар, тта-анышып албай-йлыбы, ыя?

- Эмне сиздей жигиттерге таңсык бекенбиз? - деп бири мурдун чүйрүп кетти.

- Сооңузда таанышалы, азыр жолубузду тоспоңуз, - деп бири токтоп калды.

- Аа-а, сен мага жакты-ың, - Самат жол бошото калып калды. Эки кыз каткыра күлө узап кетишти. Самат жанындагыга: - Эй, ддо-с, көрдүңбү? - деп сөөмөйүн чычайта карап калды. - Эртең сөзсүз таанышам.

- Кеттик, дос, андан көрө жүрү үйгө кеттик.

- Кеттик!

- Сүйөмүн сени, сүйөмүн сени, кара көз! - Самат ырдап кетип баратты. - Сен да мени сүйөөрүңдү айтчы тез…

- Кой, тез кет үйүңө. - Жанындагы Алтыбай ага колун шилтеп койду. - Ичип жүрсөң кара көз кыз эмне кылат сени?

- Сенчи, сен кыйынсыңбы? - Самат аны көкүрөккө түртө омуроолоп калды.

- Омээй, дос, эй, ошо экөөбүздү тең айтып атам да?

- Чынбы?

- Чын айтам, менин катыным бар беле, экөөбүз тең бойдок жиндилербиз го?

- Андай болбойт, экөөбүз үйлөнүшүбүз керек! - Бизге ким тиймек эле?

- Сени билбейм, мен жакында үйлөнөм, Самат колун шилтеп басып кетти. Ошондон он күн өтпөй эле үйлөндү. Бурулкан келин болуп келгенде жакшы эле көрүнгөн, Самат экөө ынтымактуу жашап, үч уулду болушту. Самат дагы токтолгонсуп, туруктуу кеч келет, кээде келбей калган күндөрү да болду. Ошондой күндөрдүн биринде түн бир оокумда келсе үйү бек, ичинен илинүү экен, такылдатты эле Бурулкан көптө барып ачты. Самат эч нерседен капарсыз кирип келип:

- Бурул, кардым ачты, бирдемең барбы? - деди.

- Бар, - деп Бурулкан шашыла тамагын отко коюп, дасторкон жайып жатты.

Бирок ал негедир күндөгүдөй эмес, алдастаган өңдүү. Сүйлөгөн сөзү чар жайыт болуп турганын байкаган Самат, ички үйүнө кирип, үч баласынын уктап жатканын көрдү да, бөлмөнүн ичин кыдыра баштады.

- Эмне издеп жатасың? - Бурулкан үрпөйө күйөөсүн карады.

- Кийимдеримди, эртең эки-үч күнгө кетип жатам.

- Мен деле таап берет элем го?

- Сага айтып отургуча керектүүмдү өзүм таап алайын, - деп Самат шаша-буша бөлмөнүн аркы четиндеги эски кийим салгыч шкафты жакшылап бир аңтарып чыкмак болду эле, Бурулкан:

- Аякта эч нерсе жок, сенин кийимдериң биякта! - деп жетип келип, алдын тосуп калды.

- Тур биякка, менин издегеним ушул жакта, - Самат аны карыдан ала түртүп жиберди да, шкафтын каалгасына колун узатты. Бурулкан анын колун тартып, тызылдап ийди:

- Биякта жок деп атам го, мен таап берем, тамак ысып калды, ичип албайсыңбы? Самат аялынын жүзү кубарып кеткенин байкап: "Мында бир сыр бар, мынчалык эмне тызылдайт, же сабайынбы?" деп ойлоно калды да, артына кайрылып келип, дасторконго отурду. "Ачуу душман акыл дос деген, аягы суюк аялга теңелип эмне кылам, дагы чыдайын, эмне болоор экен" деген ойлорго жетеленип, тамак да жүрөгүнө баспай жатып алды. Бурулкандын жаны жай албай жаман абалда турганын сезди. Кечке чарчаган неме бир аз эс алып алып, жумушка кеттим деп чыгып кетти да, кечинде күүгүм кире өз үйүн айланчыктап жүрдү. "Балким жөн эле күмөнсүп жаткандырмын, ак аялымды күнөөсүз күнөөлөп жүрбөйүн" деген ойдо ары-бери басып эки жакты карап турса, бир караан эки жакты абайлай карап өзүнүн үйүнө кирип кетти. Саматтын адегенде ачуусу келгенинен азыр колуна тийсе экөөнү тең кошоктоп мууздап койгусу келди, бирок апасынын: "Бир колуңдун ачуусун бир колуң менен бас, ачууга алдырып жаза басып алсаң оңдош кыйын" деген сөзү кулагына угулуп, көптөн кийин короого кирди да, үйдүн артына өттү. Өздөрү жаткан терезенин бир көзү ачык болчу, таза аба кирип туруусу үчүн ачып койгон. Түнкүсүн үп болгондуктан, дайым ачык тураар эле. Акырын келип, терезе тушуна тура калды, алардын үнү даана эле угулуп турду. "Сени көрүп калат экен деп коркконумду айтпа, бүгүн ал келбейт", деген аялынын үнүн угуп, жини келип кетти. "Балдарың уктай элек го?" деди чоочун үн. "Мен сага деп жакшы тамак жасагам, чогуу тамактанабыз, анан алар уктап калат. Кам санаба, бүгүн коркпой эркин жатабыз" деди Бурулкан.

Буга чейин Самат аялынын төркүндөрүнөн тажап калган. Алып келген тамак-ашы бат эле түгөнүп калчу, эт алып келсе ал сөзсүз, кайненесине, балдызына болуп үчкө бөлүнчү Анан көп өтпөй кайра эле баары толуп алчу. Эми апасы менен сиңдилери кеткенде кылганы бул. Самат акырын босогого келди да, каалганы такылдатты. Саматты келип калат деп такыр ойлобогон Бурулкан дароо эшикти ачып, өңү бозоруп, тили күрмөлбөй туруп калды:

- Ккел-бейм де-дедиң эле го?

- Сенин спектаклиң жакшы коюлуп жаткандыктан, көргүм келди.

Бурулкан үн дебеди, каткан бойдон тура берди. Самат ичкери кирди да:

- Сен үч баласы менен ушуну багып аласыңбы? - деди селейе карап турган жигитке.

- Жж-ок, - тиги неме буйтап качып кетүүгө даярданып, Саматтан боюн ала качып, артка кетенчиктеди.

- Эркексиңби? Менин аялым сага кыз көрүнүп жатса, сен бул үйдө кал, балдарыма карап чоңойтосуң. Эгер бир сөз уксам тирүү калат экемин деп ойлобо?! - деген Самат кийим-кечесин алды да, чыгып баратты. Бурулкан эми гана эсине келгендей ыйлап турду:

- Самат, мени кечир, балдарды таштаба, кечир мени!

- Мурун ушуну ойлогон жоксуңбу, же мени эркектериңдин алдында басынткың келдиби?

- Жок-жок, Самат, балдар менен мени таштаба!

- Эми кеч, мурун ойлош керек эле, балдар аман болсо мени түшүнөт, мен аларга баарын түшүндүрөм, каралашып турам, - деген Самат ылдамдай басып кетип калды. Ошол ошол болду, кайрылып барбады. Балдарына тамак-аш жеткирип коюп кетип калчу…

Самат Саадатка баарын айтып берди. Саадат эч нерсе дебеди. Унчукпай угуп отуруп:

- Баарыбыз эле адам болгонубуз менен тагдырларыбыз ар түрдүү болот тура, меники деле болбогон нерсе, - деп койду. Ал күнү экөө бир болду. Эртеси кетип жатканда Самат ага күлө карап:

- Көрүшкөнчө, - деди эле, Саадат ойлуу кабатырлана минтти:

- Ушинтип кетип каласызбы? Мен андай деп ойлогон эмес элем, сиздин жашооңузга аралашканым дурус болбоду окшойт?

- Антип сарсанаа болбо, балким кудай буйруп, насип болсо дагы жолугуп калышыбыз мүмкүн, үмүтүңдү үзбө.

- Бир түнөп кетип, күкүк эне кылгыңыз келеби, кокус түйүлдүк түйүлүп калса кантем?

- Андан кам санаба, баары бир кайтып келем, анан башкадан кошуп алып, биринчиси сен элең, бала сеники деп жүрбө? - Самат жылмая күлүп, жөнөп кетти. Андан кийин ал жумушуна байланыштуу көпкө көрүнбөй калды. Саадат адаттагысындай эле мантысын жасап сатып, эки күндүн биринде балдары менен күйөөсүнө тамак-аш жеткирип жүрдү. Жанындагы Алмагүл күндө манты жасап чыкканы менен бир ордунда турчу эмес. Шаңкылдап күлүп, кайдандыр тааныштары табылат да, алар менен кафелеп жүрүп, кечинде шериктери сатып койгон мантынын акчасын алып, дагы эки-үчөөнү ээрчитип жатаканасына келишет. Оюн-күлкүнү жакшы көргөн Алмагүл конок тосуп, түндөсү бир бөлмөгө жигити менен жатып алат. Кээде Саадатка бирөө жарымдын көзү түшүп калса, аны көндүрүп салып берип коет. Убакыттын өткөнү менен Саадат абдан кыйналып жүрсө да, бир түнөп өзүнө жылуулук берип кеткен жигитти эсинен чыгарбады.

- Алмагүл, - деди ал бир күнү.

- Эмне болду?

- Баягы классташыңдан дайын болбой калды да?

- Эмне ал сага жагып калдыбы?

- Деги айтам да.

- Эгер көңүлүңө жагып калган болсо, мен аны табам. Ой-бо-ой, тим эле митаамсың эй, сыр билгизбейсиң, мага окшоп болгон сырыңды айта бермейиң жок.

- Эмне демек элем, - Саадат ойлуу отуруп калды. - Манты жасап сатам деп тажап кеттим, балдарымды ойлосом бир мүнөт да тургум келбейт, деги ушул күндөр өтүп кетээр бекен?

- Эч ойлонбо, баары өтөт, бир күнү бутту сунуп үйдө отуруп калганда ушул күндөрдүн баалуу экенин сезесиң.

- Билбейм, ошондой күн келсе кана? - Саадат эртеңки мантынын фаршын даярдап жаткан. Эшик такылдаганда Алмагүл ачканы кетип, шакылдаган үнү угулуп калды:

- Оой, кайдан жүрөсүң ыя, бир көрүнүп коюп дайының чыкпай кетти го, кел эми, үйгө кир!

- Келип калдык, кандай жүрөсүңөр?

- Жакшы, баары жайында, болгону көңүл аччу сендей гана жигиттер жок. - Аңгыча бөлмөгө кирип келишти.

- Кандай, сулуу кыз? - Самат Саадатты көрө жылмая колун сунду. - Күткөн жок белеңер?

- Жо-ок, - Саадат ага кол суна акырын үн катты.

- Мен өзүм күттүрбөй келгенди жакшы көрөм.

Алмагүл менен Саадат болгон тамак-ашын жайнатып, Самат үчөө дасторкондо бирге отурушту. Ушул келиште Самат баарын ойлонуп, эгер макул болсо Саадатка үйлөнмөк болуп келген. Буга чейин келиндер менен далай эле болду, бири жакса, бири жакпай акыры жашоону улантуу үчүн үйбүлө очогу аял экенин сезип, үйлөнүп албаса, тапкан-ташыганы берекесиз жоголо бере турганына көзү жеткен эле.

- Ийи, кандай анан, классташ, иштериң кандай, тапканың жакшы, көңүлүң ачык, келин-кесектер менен жыргап эле жүрөсүң? - Алмагүл Саадатты карап тамашалап койду.

- Айтпа, келин-кесектер толо көңүлгө толгону жок, тапканым кудайга шүгүр, өзүңөрдү эле издеп келип калдым, - Самат дагы тамаша менен жооп кылды. Самат бир бөтөлкө вино, колбаса, майда-барат, конфет менен печеньелерди алып келген. Саадат ичпейт, Алмагүл экөө ичип, сүйлөшүп олтурушту. Самат өз оюн ортого сала минтти:

- Алмаш, мен Саадатка үйлөнөйүн деп жатам, кандай дейсиңер? - деп Саадатты көз кыйыгы менен карап койду.

- Ой, аз-зама-ат, бу оюнуң эмес чыныңбы?

- Эмне менин ойноп сүйлөгөнүмдү көрдүң беле? - Самат кайра суроо берди.

- Жок ай, ошентсе да жакшылап ойлондуңбу дейм да?

- Ойлондум, эгер Саадат макул болсо эртең эле нике кыйдырам.

- Экөөңөр чечесиңер да, "тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт" дегендей жаш бала эмессиңер, үйбүлөнүн жайын түшүнүп калгансыңар, - Алмагүл эмне дээр экен дегендей Саадатты карады. Анткени ал балдарына, күйөөсүнө кийим-кечек, тамак-аш алып барып келип жүргөнүн билет, процент акчам бар деп тигинден-мындан карыз алып кетип жүргөнүн да билчү. Оюнда карызы көп адам менен кантип жашап кетээр экен деп түпөйүл ойдо калды.

- Саадат макул десе мен эч иштетпей багып алам, алган акчам кенен жетет, айына, кээде он беш күндө жыйырма миңден алам, ошону сарамжалдай турган аял керек, - дегенде Саадат аны таңгала карап: "Чын айтып жатабы?" дегендей көзүн албай отура берди. Ооба, ал он миңди төлөй албай балдарынан алыстап отурбайбы. "Темир деле иштесе болот эле го, мен алып барган тамак-ашты ичип-жеп жата бербей" деп ойлонуп ийди.

- Саадат, кандай дейсиң ыя, бу Самат сени жактырып калган го, - Алмагүл анын оюн бузуп ийди.

- Эмне дейсиң? - Саадат Алмагүлдү түшүнбөй калгандай элейе карап калды.

- Сен эмнени ойлонуп жатасың, Самат сени жактырып калыптыр, эмне дейсиң? - Алмагүл ага кайталап кайра түшүндүргөн болду.

- Ошончо тезби?

- Эмне болот эле, экөөңөр тең бойдоксуңар жашап кетсеңер болот да?

- Сен бойдок эмессиңби?

- Мени Самат алмак беле? - Алмагүл күлүп койду. - Мени жактырып алам десе, кудай демекмин!

- Койсоңчу?! - Саадат күлүп койду.

- Чын, Самат сага үйлөнөм десе шансты кетирбесеңчи?

- Билбейм ай, төрт балам турат, бирөөнүн балдарын багуу машакат эмес бекен?

- Бала менде да бар, Саадат, ар бир адамдын өзүнчө тагдыры, өмүр жолу бар, балдардын да ырыскысы өзүнчө.

- Эртеңки күнү бир сөз чыкпас бекен, бул адам баласы тоо сымал кечээги айтканын бүгүн унутуп калчу эле, эгер балдарымды колко кылбай турган болсоң мен макулмун! - деди Саадат ойлонбой туруп, анткени анын алдында эки гана чечилбеген маселе турган. Бири карыздарынан кутулуп үйбүлөсү менен жылуу-жумшак өмүр кечирүү, экинчиси ошол кыйынчылыктан чыгуу үчүн күйөө, болгондо да тапканы жакшы эркек керек эле…

- Мына, мына эмесе, тойду качан баштайбыз? - Алмагүл алаканын шак чаап каткырып калды, кичине ичип алганга жүзү албырып, кызып калган. - Самат, ушул эле жерден никени кыябызбы?

- Кайдан болсо баары бир, - Самат ушинткенде Саадат аны элейе карап минтти:

- Кайдан болсо баары бир дегениңер эмнеңер, эли-журтуңуз, тууган-уругуңуз, эне-атаңызга алып барбайсызбы?

- Ал сөзсүз болот дечи, адегенде үйлөнүп, бири-бирибизди билип алып, анан көлгө алып барам да?

- Ой, Саадат, коркпо, Самат жигиттин жигити, буга жетпеген кыз-келиндер толтура! - Алмагүл Саадат байкабагандай кылып көзүн кысып койду. - Туурабы ыя, Самат?

- Ананчы, мени алаар бекен дегендер көп, үйлөнгөндөн кийин тийишкендерге көз жумуп кой, - Самат каткырып койду.

- Ошондойлордун бирин эле көрсөтүп койчу, сынап көрөйүн, эгер менден өйдөрөөк болсо ошону эле ал деп айтам, - Саадат да тамашалай күлдү.

- Мына, бири жанымда отурбайбы? - Самат Алмагүлдү карап койду.

- Жо-ок ай, экөөң антип мени шакаба чекпегиле, ал антпейт, Алмагүлдүн сенден да жакшы табышкер жигиттери бар, сени эле карап калыптырбы? - Саадат муну менен бир аз кызганычын билдиргендей, анын көп жигиттер менен байланышы бар экенин айткандай болду.

- Ошондойбу, мен аныңарды билбейт экенмин, качан келсем экөөңөр манты жасап отурсаңар ойлоп атпайынбы, жакшы келиндер экен деп.

- Болот да бойдокчулукта, кел эмесе, Самат, ушул Саадат экөөңөрдүн денсоолугуңар үчүн, кол кармашып бактылуу өмүр сүрүшүңөр үчүн алып ийели, - Алмагүл винодон куюп Саматка сунду. - Бактылуу болгула Саадат экөөң, эмдиги жылы балалуу болуп, жентек тойго келели.

- Айтканың келсин, - экөө алып ийишти. Саадат баятан бери кайнап жаткан мантыдан салып келди. Мантыны кечкисин жасап бышырып алып, анан күндүзү кечке сатышчу.

- Ох-хо-оо, Саадаттын мантысы абдан жакшы экен, - Самат мактай мантыдан алды.

- Ой, биз манты жегенден тажап калдык, күндө эле бир тамакты жей берсең жегиң келбей калат экен, - Алмагүл мантыны Саматтын алдына жылдырды. - Саадат, сен жакшылап жеп ал, кийин сатып жегиң келип калат, сагынасың!

- Жок ай, менин да жегим келбей калды.

- Самат, кана өзүң ала бер!

- Алып жатам, негедир силердин колуңардан чыккан тамак ширин сезилип атат.

- Ошондой болот, секет, сүйгөн адамыңдын тамагы тузу ачуу же жок болсо да ширин сезилет. Үчөө тең күлүп калды. Көпкө отуруп, анан Алмагүл кызып калып, уктаганы кирип кетти.

- Саадат, кандай дейсиң, үйлөнүп алалыбы?

- Өзүңөр билгиле, эркек сүйсө алат, кыз сүйсө калат дейт го, менде сөз жок.

- Анда мындай, эртең базарга чыкпа, мен жумушка барам да, кайра келип мечитке барабыз, сени менен Алмагүл барсын, мен достордон ала барам.

- Ма-акул, жигит келсе кыз даяр, - деп Саадат да күлө жооп берди. Ошентип экөө бирге болуп калды. Эртеси Самат айткандай эки жолдош баласы менен келди. Саадат менен Алмагүл да мантыларын базарга барып, шашыла өткөзүп келип, даяр болуп турушкан эле. Мечитке барып, нике кыйдырышты. Кечинде чогуу майрамдап шаңдуу отурушуп, эки жаштын бактысын тилеп, дүйнөдөгү эң бир сонун жакшылыктарды каалап жатышты. Самат менен Саадат бири-бири үчүн өлүмдөн да кайра тартпоого сөз берип, өмүрдүн артына чейин сөз жашырбоого убадаларын аныктап жатты.

Самат ак саргыл келинге туш болгонуна ыраазы болуп, жашоонун сырдуу да, табышмактуу да жолуна түшүп, эт-бети менен киришти. Иштеп тапкан акчасын коротпой алып келип берет, жашаган жери батир, жеген-ичкени кул жебестен болуп Саадат оңоло баштады. Каны аз болуп ооруп калды. Самат ага кагор виносун алып келип, жашиги менен коюп койду.

- Мына мындан ичсең аз кандуулук сенден өзү эле качат, - деди Самат.

- Кантип ичем, такыр иччү эмесмин да?

- Эчтеке болбойт, аз-аздан ичкенден эчтеке болбойт, сен оорудан арылып кетсең болду да.

- Көрөйүн, - Саадат унчукпай калды. Самат Саадатты ооруп жатат деп болгон акчасын алып келип берет да, өзү жумушка кетет. Саадаттын асмандан тилегени жерден табылып, ал кетээри менен өзүнүн кыйналып турганына карабай базарга барып, тамак-ашын көтөрүп алып, үйүн көздөй жөнөдү. Ал келгенде эшикте жүргөн Темир бурк этти:

- Ийи, дайынсыз жоголуп кеттиң да, мени ойлобосоң да, балдарды ойлобойсуңбу, ыя?

- Үйдөн кууп чыккан өзүң, балдар үчүн келип атам, болбосо сен үчүн келмек турсун ойлонбойт да болчумун, карызды экөөбүз алсак, сен мени күнөөлөп отурасың. Сен деле иштесең боло, мени карап олтура бербей.

- Мени эмне кыласың, иш болбосо кайда бармак элем, тамак-аш, эт-пет алдыңбы?

- Ооба, алып келдим.

- Апа, кетпейсизби эми?

- Апа, эмнеге көпкө кечиктиңиз?

- Сиз шаардан эми келбейсизби? - деп төрт баласы төрт жактан чыкты, ар бирин баса калып өөп, анан алып келгендерин бир баштан алып жайып:

- Мен эртерээк кетишим керек, тиги карыздын беш миңин берип коюп кетем, - деди.

- Эмне анчалык шашып, күткөнүң барбы? - Темир аны сынай карады. - Бирөөнү тапкансың го?

- Эмне кылышым керек деги, иштеп карызды төлөп, тамак-ашты ташып турсам дагы жакпадым го?

- Бар, бар, кете бер! - Темир кекете ички бөлмөгө кирип кетти.

- Кетмек турсун, күйөөгө тийем, сага жагынып өмүрүмдү өткөрмөк белем? - Саадат балдарын кучактап өөп-өөп алды да, үйдөн көзүнө жаш ала чыкты. Бул анын кыз тийген күйөөсү менен коштошкону эле, кантсе дагы балалык чагы, кыз өмүрү өткөн жери, кыз кезинде байыр алган үйүнөн биротоло кетиши эле. Саадат Самат келгенче келип, атайын ооруп калгандай болуп жатып алды. Кеч күүгүмдө Самат шашыла үйгө кирди:

- Ой, бирдеме ичтиңби же жөн эле жатасыңбы?

- Жүрөгүмө эчтеке барбайт, көңүлүм да ачылбай тамак жасабадым, - зорго сүйлөгөн болду.

- Мейли, жата бер, өзүм жасайм, винодон ичип жатасыңбы?

- Ооба, азыраак ичтим.

- Аздан эмес күнүнө бир бөтөлкөдөн ич.

- Алкаш болуп кетпейин.

- Кагор ичкенден алкаш болгон кимди көрдүң эле, мен сени жакшы болуп кетсин деп жатам.

- Сага рахмат, Самат. - Саадат ойлуу ордунан турмак болду.

- Жат, жата бер. Жакшы болгончо жакшылап өзүңдү кара, мен сени багам деп алгандан кийин багам, абайлап жүр, бири-бирибизди ушундайда карабасак болбойт.

Самат өзү эт туурап, тамак жасаганга киришти. Саадат өзүнчө ойлуу "Неге адамдар ар кандай, Темир Саматтай болсо кандай жакшы эле, балдарым да жанымда болмок. Ушундай адамды алдап жаткан менде уят, абийир жок, апкелген акчасын сураса эмне деп жооп берээр экенмин, эгер карыздарым көп экенин билип калса басып кетээр" деп жата берди.

- Тур, Саадат, тамак ичип ал, - Самат анын үстүндөгү төшөгүн алып, колунан тартты. - Тамак ичпесең ачкалыктан башың айланып, жыгылып каласың.

- Ичким келбей атат, - деген Саадат Саматтын жардамы менен өйдө болду.

- Адегенде мына муну жутуп ий, анан тамак ичип аласың, - Самат ага винодон бир чыны куюп берди.

- Ий-ий ичпей эле койбоюнбу?

- Болбойт, мага денсоолугу чың аял керек, дыңылдап чың жүргөнүңдү каалайм, - Самат ушинткенде Саадат аны карап калды: "Кандай жакшы адам, мен ушунун кадырына жете аламбы?"

- Эмне болду, ойлонуп кеттиң го?

- Эмне болсун, винону ичкенден коркуп эле… - Саадат оюнан адашып ага калп айтып, көзүнөн көзүн ала качты.

- Эмнеге коркосуң, бул деген дарылыкка эле… - Самат ага болбой бир чыны кагорду ичирип ийди да, алдына чоң чыныга тамак куюп алып келди:

- Бир аздан кийин ичейин, өзүң иче бер, - Саадат жатмак болду эле, Самат аны жаткызбады.

- Тамак болбосо адам алдан-күчтөн таят, каның аз болсо, жарытып тамак ичпей керээли кечке жатсаң эмне болосуң, бол ысыгында ичип ал.

- Макул эми, мага каралабай өзүң иче бер, - Саадат кашыкты алып, тамакты иче баштады. Анын оюнун баары балдарында, күйөөсүндө эле, тамагынан өткөн ар бир кашык тамак түйүлүп, анын үйбүлөсүнүн бекем боло албай, тагдыр эки бөлүп койгонуна өкүнүп жатып ичти. Саматта ой-санаа кайдан болсун. Балдарына керектүү тамак-ашын алып барып, өзү минтип үйбүлө очогун тутантып отурганына өзүнчө ыраазы болгону менен аны ойлонткон Саадаттын аз кандуулук менен ооруп жатканы. Саадат зымырайып эч нерсени билгизбейт, эптеп бир топ карызынан кутулуп баратат, бирок эки-үч жердеги акчасы өсүп жатты. Аны сарсанаа кылганы эле акча. Саматтын алып келгенин эптеп бөлүштүрүп, тамак-ашка да жеткирип, эч нерсе жок дебей эт-аш менен май-чайын алып коюп, ал келгенде төшөктө жатып калып, арадан эки-үч ай өттү. Дары-дармекке кетти деген шылтоо ага чоң огожо болду. Акырындап оорусунан сакайып врачка барып көрүнсө, жакшы болуп калганын айтты. Абдан сакайып калганда Самат аны ооруканага жумушка орноштуруп койду. Ооруканага иштегенден кийин дагы тааныш күтүп калганда үстүнө үстөк кошкон акчадан алып, Саматтын акчаларын кошуп, карыздарын төлөп жатты. Бирок үстүн гана берет. Самат Кеминдик балдар менен иштеп калды. Сөз арасында Мухтар каткырып күлүп тамашалап калчу болду.

- Демек, жезде экенсиз да?

- Ошондой, жездеңди капа кылбай жүр.

- Жезде, эжем менен качан тааныштырасыз?

- Качан болсо, азыр десең азыр барабыз, эжеңе күйөө болгонум үчүн сыйлоо менден.

- Ал турган иш, күйөө баланы пайгамбар сыйлаган тура, эжем экөөңө белек алууну унутпайм, сиздей табышкер күйөөнү тапкан эжем Айчүрөктөй эле болсо керек.

- Айтпа, күн тийгис жерге багайын десем болбой иштеп алды, кызганып зорго жүрөм, ха-ха-ха! - Самат каткырып алды.

- Азамат эжем бар тура жездемди кызгантып коюп кебелбей жүргөн, - деп азилдешип отурду, ошол күнү Мухтар аны менен үйгө бирге келди. Саадат жумуштан келсе Самат менен Мухтар үйдө отурган экен.

- Саадат, бул иниң болот экен таанышып кой, - Самат аны көрөөрү менен тааныштыра кетти.

- Жакшы экен, иним болсо таанышсам болот, атым Саадат, өзүңдүн атың ким, иним, кайсы айылдан болосуң?

- Атым Мухтар. Кичи Кеминден болом.

- Жакшы, келип тур, жездеңди бейчеки бастырбай кайтарып турганга өзүң болгонуң дурус экен.

- Эже, жездемди кызганасызбы?

- Анан эмне, кызганыч болбой жашоо болобу, үйбүлөлүк бакыттын негизи кызганычта болсо керек, бири-бирин жакшы көрсө кызгануу болот, - Саадат дасторконун жайып, чайнек-чыныларын алып келип, сүйлөп жатты.

- Азамат эже, кантсе да кыз Сайкалдай жүрөктүү да, бетке айтаар экенсиз.

Мухтар көпкө отуруп, анан коштошуп үйүнө жөнөп кетти. Самат эч нерседен капарсыз, үй-бүлө куруп, тынч жашоосу өтүп жатканына ыраазы болуп, тапкан акчасын Саадатка берип, эмне кылып жатканын сурап койбой жүрө берди. Ошентип Саадат бир топ эле карызын жеңилдетип алды. Арадан убакыт өтүп, Саадаттын күйөөсү Темир акыры анын күйөөгө тийип алганын укту, эки кызын өзүнө берип, уулу менен кичүү кызын алып калды. Саадат эки кызына үйрүлүп түшүп, кийим-кечесин алып берип өнтөлөп багып жүргөндө үчүнчү кызы да келди. Ошенткен менен көзүнүн карегиндей көргөн жалгыз уулу үчүн дагы эле Кеминге барганын токтоткон жок. Темирдин иштейин деген ою жок, дагы деле Саадаттын алып келген тамак-ашын жеп-ичип, уулу Айбек менен жашап жүрө берди. Убакыт өтүп, улуу кызы университетке тапшырмак болуп контракт төлөгөнгө келгенде Самат дардаңдай минтти:

- Эч кам санаба, кызым, сени окутам, контрактты өзүм төлөйм.

- Жыл сайын он эки миң төлөш керек экен, - Саадат күнөөлүдөй үнүн акырын чыгарды. Ал Саматтын сырын билип калгандыктан, ыйламсырай калып, андан сөз чыгышын күткөн эле.

- Ошо да, ай сайын буйруса он беш, жыйырма алып атам го, бирок акча жегич болуп баратасың, кыздарды ойдогудай окутуп, кийим-кечесин көңүлүңдөгүдөй алып бер.

- Алып бербей анан, Назгүлдү окутуп алсак жакшы болот эле?

- Буйруса кызым окуйт, - деп Самат ишеничтүү айтты. Ошентип Саадаттын дагы бир маселеси чечилди, ошол жылы Назгүл университетке өтүп, окуп калды. Айбек анда-мында келип-кетип жүрдү. Үч кызы бири-биринин артынан чоңоюп калды. Бир күнү алардын үйүнө бир аял келиптир. Саадат ыйлап отурганда Самат кирип келди.

- Күйөөң иштеп жатса деле карызыңды үзбөйсүң, дагы үстөгүн кошом, болбосо беш миң сомду азыр бересиң, - деди аял ага угуза.

- Эмне болду, кандайча карыз?

- Катыныңдын канча жылдан берки карызы бар, ушул убакка чейин үстүн да араң берип узартып эле келатат, эмне билбейсиңби?

- Уккан эмесмин.

- Укпасаң угуп ал, азыр беш миң сомду бербесе үстөгүн эки эсе коем, дегеле жакшылык жок адамга, кудайдан тапкыр!

- Кое туруңузчу, кайсыл убакта алды эле?

- Он жылдан бери эжелеп келатат, үстөгүн берет да куйругун үзбөйт, эми эки эселетип коемун.

- Кечиресиз, он жыл болсо ал карызын билбейт экенмин, экинчиден мунун өмүрүн тилеңиз, кокус бул өлсө сиз эчтеке албай каласыз, мен ушул болсо төлөйм, болбосо сизди тааныбайм дагы.

- Эмне деп жатасың, эмне ошончо акчадан кечип кетет деп турасыңбы?

- Жо-ок, күтөсүз, мен сизге баарын дароо бере албайм, үч күн биерде жатыңыз да, күтүңүз.

- Апээй, мен эмне бекерчи белем? - деген Койсун күтпөскө аргасы жок экенин билдиби унчукпай калды. Үч күндөн кийин Койсунга беш миң сом берип узатты Самат. Саадат күнөөлүдөй унчукпайт.

- Саадат, бир ооз айтсаң эбак бүтчү иш тура, болбосо канча акча берип жатам, алар кайда берип койбойт белең?

- Өзүм кутулам деп ойлогом, - дегенден башка жооп болбоду. Самат ойлонуп көрсө үйгө жакшылыктуу деле буюм алынбаптыр, эски-уску төшөктөр, анча-мынча идиш-аяк алганы болбосо көзгө көрүнөөрлүк эч нерсе жок. "Бул мен берген акчаны эмне кылып жүрөт, таап жатканым менен үстүмдө кийимим жок" деп ойлоп алды. Самат жумуш менен алагды болуп, убакыттын өткөнү билинбей Саадат менен жашаганына он жыл болуптур. Назгүл окуп жатат, Элина алтынчы класста окуйт. Айбек эбак бүткөн, шаарга келип иштемек болуп көчө таптап чарчаганда үйгө келет. Он жылдан ашуун убакыттын ичинде канчалаган батир которушту. Колу-коңшулар менен жакшы болуп Самат тааныштары аркылуу өз жардам тобу деген уюмга кошулуп акча чогулта башташты. Андайда Саадат бакылдап сүйлөп, улуу-кичүүнүн ичи койнуна кирип алган. Бул жылдардын ичинде эки-үч жолу боюнда болуп, түшүп калды. Самат ошол күнү үйдө болчу. Эки-үч жигит, бири жашы улуураак үйгө келип калды. Самат менен кол алыша учурашкандан кийин:

- Сиз Саадаттын күйөөсү болосузбу? - деди бири.

- Ооба.

- Сиз менен сүйлөшкөнү келдик, Саадаттын карызы бар, эгер төлөбөсөңөр ал аялдын эки аягын керип кетебиз.

- Токточу, иним, карызы канча?

- Бир үйдүн баасы!

- Мен уккан эмес экенмин же мени төлөйт деди беле?

- Көп жыл болду, ушуга чейин беш миң, үч миң берет да, калганын бербей жүрөт, үстөгү өстү, үйүн алабыз.

- Эй, жигит, аны керип кетем десең жаныласың, анда акчаңды кайдан аласың, жоопко тартыласың.

- Анда эмнеге бербейт, үйүнүн документи менин колумда.

- Саадаттын үйү кайда, качан үстөк алганын билбейм, туурабы?

- Туура, күйөөсү билет.

- Билсе, анда төлөтүп албайсыңарбы?

- Ал иш жок деп атпайбы?

- Кызык, силерден алган акчасын мен көрбөсөм, мага кандай доомат артасыңар?

- Биз Саадатты сабап өлтүрүп кетебиз, алгандан кийин бере албаса албай эле койбойбу?

- Он жылдан бери үстөгүнө канча акча берди, ай сайын канчадан төктү?

Ошондо Саадат тура калды.

- Мен берген акчамдын баарын жазып жүрөм, жумасына, айына алып барып бергенимдин суммасы он жылдан бери 300 000 сом болуп кетти, эми эмне кылышым керек? - деп аларды жалдырай карады.

- Жебей-ичпей он жылдан бери үч миң сомдон берип жатса ойлонбойсуңбу, иштеген айлыгы канча экенин билесиңби, бул менин акчамды берип жаткан. Күйөөсү экөө алган акчага кандай тиешем бар айтчы, эгер көнсөң он миң дагы берем, көнбөсөң билгениңди кыл! - Самат үйгө кирип бараарда тиги жулкунду эле, бири аны тыйып койду, алар ары барып сүйлөшүп, кайра келди да улуусу Саматка минтти: -Тууган, ошол он миңди качан алып кетсек болот?

- Эгер көнсөңөр туура бир айдан кийин ушул үйдөн алып кетсеңер болот.

- Жарайт, тууган.

- Үйдүн документин ала келгиле.

- Сүйлөштүк, - деп алар жөнөй бергенде Самат үйгө кирди. Саадат унчукпай ыйлап олтурган, анын бул көйгөйүн купуя түшүнгөн Самат унчукпады. "Демек менин алган акчам мунун карызына кетип жаткан тура, өзү бергенден пайда таппайт экенмин" деп ойлоп телевизор карап жата берди. Анын унчукпаганын көргөн Саадат ыйын токтотуп тамак жасап, кыздарынын кийим-кечесин жууп кирип-чыгып жатты.

Саадаттын ишемби, жекшемби күндөрү конокко кеткени көбөйдү. Ар убак ишемби күнү келбейт. Самат сураса жүйөлүү себептерди айтат да, кутулуп кетет. Кыздар өз алдынча иштеп, экинчи кызы Жазгүл да окууга тапшырып, окуп калды. Чоңойгон кыздардын көз карашы Саматка башкача көз карашта болуп баратканы байкалып, кыш күндөрү жумуш жок үйдө отурганда Жазгүл кеч келип:

- Бүгүндөн ары ар кимиңер өз наныңарды ала келгиле, - дебеспи. Бул сөз Саматка катуу тийди, бирок кыз балага эчтеке дебеди, жумуштан келген Саадатка:

- Бу Жазгүлдүн эмне кылганы, мен бир аз тыйын таппай үйдө отуруп калсам артык башмынбы? - деди.

- Эмне болду?

- Өзүнөн сура, бүгүндөн ары мен жей турган тамак-аш ушул үйдө турсун, өзүм үчүн иштеген эмесмин, мен мындай сөздү укпайын.

Саадат эки кызын жекире карап, урушуп кирди:

- Силер адам болуп калдыңарбы, ыя? Атаңар мени үйдөн кууп чыкканда ушул киши мени, силерди да баккан, экинчи мындай сөз укпайын.

- Эмне дедим, жөн эле жей турган наныңарды ала келгиле дегем.

- Антип айтышка кандай акың бар?

- Мен Эржанды айттым, - Жазгүл таякесинин баласын шылтоолоп кутулду. Эржан мектепти бүтүрүп, колунда жок ата-энесине жүк болбой иштемек болуп, алар менен чогуу жашап жаткан эле.

- Керегем сага айтам дегендей сөз да бул… - Самат ушинтти да, сыртка чыгып тамеки түтөтүп жүрүп : "Бөрү баласы ит болбойт деген ушул экен да, демек иштеп таап турсам менден жакшы киши жок" деп ызасы ичинен кайнап, бир топто үйгө кирди. Белгиленген күнү он миң сомду алуу үчүн келип, документти берип кетишти. Ошентип Саадаттын чоң маселеси чечилип, үйдүн документин колго алды. Акчасын Самат берди да, үндөбөй жумушка кетип калды. Ошол күнү ишемби болгондуктан, кечинде жалгыз жатты, кыздары менен Саадат кайда кеткени белгисиз. Ошол күндөн тартып ал кайрадан жалгыздыкты башынан өткөрө баштады. Мухтар экөө бирге иштешип жүрчү, бир күнү ал Саматка:

- Сиз ушунчалык көлдөй адам экенсиз да, эжекем үйдөгү күйөөсүнө жума сайын кош-кош баштык менен тамак-аш ташып жүрөт, - деди.

- Койчу?

- Койбой эле, мен аны билгенден кийин ага жиним келе баштады, күйөөсүн багуу үчүн күйөөгө тийген окшойт. Анысы иштебегенин билдим, ушунча жыл сиз анын балдарын гана эмес, күйөөсүн кошо багып келатасыз.

- Ошондой де, берген акчам кайда кетет дейм да, карыздарынан да кутулттум, эжең кыйын аял экен да, - Самат ойлуу унчукту. Кийин акчасын тааныштарына бекиттире баштады, батирге төлөйт да, калганын катып коет. Бир күнү Саадат бир нерсе айтмак болуп айталбай кайсактап калды, анысын түшүнгөн Самат:

- Эмне айтмакчысың, күйөөң менен жарашканы калдыңбы? - деди сынай.

- Самат, менен түшүнөсүң деп ойлойм, балам чоңойгонго өзүнүн атасы менен жарашуумду суранып жатат, өткөндө туугандарыбыз чогулуп, мени ортого алышты.

- Койсоңчу, абдан митайым турбайсыңбы, карызыңдан кутулгандан кийинки пикириң ушул экен да. Ошондо кандай айтпайсың, эриңе кошуп бермекмин, ушунча жыл бирөөнүн балдары менен эрин багып жүргөнүмдү кеч түшүндүм, башка аял алсам балким башкача болмок.

- Жок-жок, Самат, сенден кетким жок, бирок бала экен да, азыр мен сени да, балдарды да кыялбай турган учурум.

- Каалаганыңдай бол! - деген Самат эшикке чыгып кетти, негизи эле ачуусу келгенде жалгыз болууну каалоочу. Чылым алганы дүкөнгө келди, жаңы жыл алды болчу, аерде дүкөнчү аялдын жанында кызуу болуп, бир аялдын ыйлап жатканын көрүп, тамашалап калды :

- Ой, чоң кыз, кой ыйлаба, жаңы жылды майрамдагандын ордуна ыйлаганыңыз болбойт.

- Ушул курсун! - деди ичсе да билгизе койбогон жоон-жолпу аял. - Мен дүкөндөн чыгалбай калсам менин шампанскийимди ичпейсиң деп ыйлап жатат.

- Кой анда, кыздар, силерди майрамдатып коеюн, мага бир жакшы арак берчи, акыры берем, жазып кой, - деди Самат. Нурмира аны бир-эки жолу эле көргөн, ошентсе да жазып, бере койду да:

- Сен пиво иччү белең, бизди карабай сен мындан алып тур! - деп арпа пивону ага берди.

- Эй, сен ким деген болосуң ыя? Мас болгон аялдарга арак алып бересиңби? - деп ыйлап жаткан аял аны карап койду.

- Миргүл, ал менин клиентим, жаңы жылыбыз менен куттуктап жатпайбы?

- Аа-а, ырахмат сизге, аа-а аялың билип калса, эмне кыласың? - Ыржая күлүп койду аял, ашыкча ичип койгону билинип турду. - А мен бойдокмун.

- Аялым бар, коноктор отурду эле, силердей жаш кыздарды кыялбай жатпайымбы? - Самат тамашага чалдыра сүйлөдү. - Өзүм дагы кыз жандуумун.

- Жакшы экен, зеригип отурганда келип, эрмектешип тур, - деп калды Нурмира.

- Сөзсүз, силердей кыздар менен эрмектешкенден ким качсын, сөзсүз келип турам, эмесе жаңы жылдык майрамыңар улана берсин! - Самат коштошуп чыгып кетти. Ал келгенде күтүп жаткан коноктору келип күтүп жатышыптыр.

- Ой, Саке, кайда жүрөсүң, ушундай күнү үйүңө келсек жоксуң.

- Дүкөндө жаш кыздар бар экен, таанышып туруп калбадымбы? - деди Самат чын сүйлөп жаткандай мостое.

- Койчу? - деди Мухтар ишенип-ишене албай.

- Койбой эле, жа-аш кыздар экен, кетиришпейт.

- Мейли, айланайын, мага десең кошоктоп ал кыздарыңды, бизге арак алып келдиңби?

- Алып келдим, коноктор келээрин унутканым жок, - Самат койнунан бир бөтөлкө арак менен сок, эки бөтөлкө арпа пивону алып дастаркон четине койду. - Жаңы жылыңар менен, достор!

- Ырахмат өзүң менен бирге болсун, - дешип бажакташып калышты.

Жаңы жылдык майрам да бүтүп, кыштын күчөгөн малы. Самат жумуш жоктон үйдө болуп калды, Саадат болсо эки күндүн биринде кудагыйынын үйүндө, Назгүл күйөөгө тийип, эки балалуу болуп калган. "Неберемди карашып жашайм" деп шылтоо кылып, үйгө келгени азайды. Көрсө, ал ошол кезде айылга барып, күйөөсүнүн кирин жууп берип, тамак-ашын жасап карап жүргөн кези экен. Ошентип Саадат эки оттун ортосунда калды. Саматтан кетип калайын дейт, анын адамдык сапаты, кыйын учурда өзүнө арка-бел болуп азаптан сууруп чыгып, өбөк-жөлөк болгонуна түкүрүп туруп басып кетүүгө даабайт, бети чыдабайт эле. Балдарынын, туугандарынын кысмагына көнүп берейин дейт, күйөөсүнүн бир кездеги өзүн үйдөн чыгарып койгону эсинен чыкпайт. Аргасыз экинчи никедеги күйөөсүн алдоого өтөт. Ал мунун баарын билип турса да кийинчерээк унчукпай басып кетчү болду. Ал келгенде кийинип чыгып кетет.

- Кайда барасың? - деген Саадаттын суроосуна :

- Кыздарга, төрөй турган аял издейм, - дейт да, чыгып кетет. Саадат унчукпай калат. Кийинки кездерде алардын жашоосу болбой бараткандай, аны экөө тең эле сезип, туюп турат, бирок сыртына чыгарышпайт. Эки жакка чыкса эрди-катын, үйгө келсе экөө эки башка, бири келсе бири кетип калат. Самат бул сырын кимге айтып, ички бугун чыгаргысы келет, кимге? Акыры баягы Нурмира менен Миргүлгө жолукмак болду оюнда, алар курбу болгондуктан ар убак дүкөндө отурушаар эле. Нурмира кызынын дүкөнүн иштетип, Миргүлдү ал көпчүлүгү чакырып алчу. Кээде өзү келет, алар ар дайым тааныштарын тоноп тамашалашып жатып эле пиво менен арак өндүрүп, кээде тооктун куурулган санын, колбаса алдырып жеп отура беришчү. Соодасы болуп жатканына кубанган Нурмира Миргүлдү түнкүсүн жанына коюп алып, арак ичип отурушкан.

- Оо, кыздар, кандайсыңар? - Самат кирип эле учураша кетти.

- Жакшы, өзүң кандайсың? - Нурмира аны сурап койду.

- Эн сонун, силерди сагынып келип калдым, көздөн учтуңар го тим эле?

- Эмне, биз деле кыз болуп далай жигитти жалдыратканбыз, ушул бойдон түшүптүрбүзбү энебизден, - Миргүл ары карап жактырбагандай сүйлөдү.

- Ай, чоң кыз, тааныбагандай сүйлөп жатасың, билесиңби былтыркы жаңы жылды? - Самат ушинткенде Миргүл Нурмираны карады.

- Ой, баягы экөөбүзгө арак алып берип, жаңы жылды куттуктаган Самат да, сен кызуу болуп билбей калгансың, мен жүрчү эмес белем, - Нурмира Миргүлгө түшүндүрүшмөк болгондо:

- Аа-а, ошол ушул киши беле, кечиресиз, мен билбей калыптырмын, - деп Миргүл аны күлө карады. - Анча-мынча эсимде, кантип билбей калайын, бирок тааныбай калганым чын.

- Ошондо аялыма кыздар менен тааныштым деп бардым, конокторум күтүп отуруптур.

- Сен да кызык экенсиң, конокторуңду күттүрүп коюп эки сааттай отурбадыңбы, - Нурмира каткыра күлүп калды. - Сен эми арак ичпейсиң, пиво бузайынбы?

- Жо-ок, азыр эчтекенин кереги жок, жүрөк дартыма силер гана даба болчудай болуп турасыңар. Ээ атасынын көрү, бу адам алды жагын көрө билсе гана, ошол кадамга бар-бай токтолуп калат беле?

- Ушунчалык өкүнүчүң күчпү?

- Айтпа, эмне кылаарымды билбей эки ортодо калдым, ыза болуп да турам, эгер билсем чиедей төрт баласы барын билип туруп, катын алат белем? - Самат оор үшкүрүнүп алып, анан болгонун аларга айтып берди. - Чынында үйбүлөлүк жыргалды көрбөдүм, биринчи аялымдан көңүлүм калып, балдарыма да карабай ушунун төрт баласына кошуп, эрин кошо багып келдим эле, эми чоңоюп алышып, энесин атасы менен жараштырабыз деп атышат.

Миргүл менен Нурмира бир-бирин карап туруп калышты. Самат аларга болгонун болгондой божурап отурганда дүкөнгө ак саргыл толук аял баш бакты. Нурмира аны тааныгандыктан селейе туруп калды, Миргүл сүйлөй берди:

- Демек, кыздар менен жүрөм деп кой?

- Миргүл, - Нурмира аны тыйып ымдап койду. Саадатты эми гана байкаган Самат дагы:

- Мына менин чоң кызым, Саадат, баягы жаңы жылда ушул эки кыз менен таанышып кечигип калгам, - деди ага.

- Жакшы-жакшы, эмесе мен дагы таанышып алайын бул кыздар менен, эми жоголсоң эле ушул жерден табат экемин да, - Саадат да жөн калбай тамашалай күлүп калды. - Силердин жигитиңердин чыныгы сүйгөнү менмин, атым Саадат.

- Нурмира.

- Миргүл.

- Таанышканыбыз үчүн бир деменин башын сындыралы эми, жигитимдин силердей кыздар менен достошконуна кубанычтуумун, - деп Саадат Саматка карады эле, ал тизилип турган витринадагы арактарды бир карап алды да, Нурмирага:

- Атасынын гөрү, кырк байталдын карызы карызбы деген тура, тиги жакшы арагыңды ал, - деди.

- Бере бериңиз, чалым турганда беребиз да? - Саадат да шар кетти. - Ушул убакка чейин ичпей-жебей деле жашап көрдүк, Саматтын арты менен майрамдап коелу. Ошентип үчөө арак ичип, Самат пиводон алып жатты. Нурмира менен Миргүл эртеден бери кирип-чыккан тааныштарды тоноп олтуруп, бир топ эле кызуу болчу. Саадат болсо жумушунан эле кызуу келген экен. Бака-шака болуп отуруп, түнкү он бирлерде дагы бир бөтөлкө менен суудан алып алышты да, дүкөндү кулпулап, Миргүл жашаган батирдин тосмосунун четине келип, көк чөпкө олтуруп алып, отурушту улантышты. Айыл уйкуга кирген маал болсо да, алар түндү жара ырдап жатышты. Саадаттын үнү менен Миргүлдүн үнү аябай бийик экен, ага Нурмираныкы кошулуп бир далайда барып, абдан кызыганда Самат Саадатты колтуктап алып кетти. Нурмира менен Миргүл экөө батирге келип жатып калышты. Чынында кызуу болгондо Нурмира Миргүлдүн батирине келип жатып алчу. Экөөнү тең балдары ичпе дешет, бирок алар ага карабай таң эрте кайрадан баштап алып, кызып калганын байкабай калышчу.

***

Камила бир үйдүн тун кызы. Ак саргыл, көздөрү өзүнө жарашыктуу, атайылап жасалгандай сурмасы жок, бети тегерек татынакай кыз. Ата-энеси аны окууга жөнөткөн, бирок ал Денисин учуратып калып, экөө сүйүүнүн магдыраткан машакаттуу торуна чалынып алып, окуусу да калып. экөө бир батирде жашап калышты. Аны угуп алып атасы Асылбек менен апасы Жийде телефон чалса өчүрүлгөн деген белгини угуп тажатканда шаарга келип, аны таап алуу үчүн бир топ убараланышты. Ошол күнү Камила телефонун жандырып коюп унутуп калыптыр, чырылдаганынан караса атасы, дароо Дениске карады:

- Денис, атам экен, эмне дейин?

- Сүйлөшө бер, жакында айылга кетээрибизди айт.

- Ай-ий, кантип айтам?

- Турмушка чыгам деп айт.

- Айта албайм, - Камила өчүрүп койду.

- Мен азыр үйгө телефон чалам да, келин алып барам деп айтам, анан экөөбүз үйгө барабыз, киши жиберебиз.

- Ошондо эле айтпайлыбы? - дегиче болбой өчү бардай телефон дагы жаны калбай чырылдап жатты. Камила акыры аргасыз алды эле, ары жактан Асылбектин күңкүлдөгөн үнү угулду:

- Камила, тез автовокзалга келип кал, апаң экөөбүз күтүп жатабыз.

- Ата…

- Бол деп жатам, телефонду өчүрбө!

- Ата дейм.

- Сүйлөөчү болбо, тезирээк келип кал, айылга кетебиз, шашылышпыз.

- Ата, мен бара албайм, турмушка чыгам жакында, - Камила атасы сөз бербей күңүлдөп жатса да эптеп айтты эле, бакырып жиберди Асылбек:

- Аталыктан кечип таштайм, азыр келбесең милиция менен издеп табам!

- Ата, баары бир барбайм, мен өзүм сүйгөн адамга турмушка чыгып жатам.

- Бас жагыңды! - деп кыйкырганда телефонду Жийде ала коюп:

- Кызым, күйөөгө чыксаң деле үйдөн чыкканың жакшы го, талаада жүрүп кеткениң кантип болсун, жок дегенде келип жолукчу, бир айласын табаарбыз, кеңешээрбиз. Өзүңдү-өзүң билип, талаада жүрүп чечкениң туура эмес, кантсе да сени биз чоңойтподук беле, боор этибиз менен тең балабызсың, кызым. Камила ыйлап отуруп, жылуу сөзгө ийиди, кантсе да сүйүктүү апасы эмеспи, Дениске бир карап алды да, кийине баштады.

- Камила, кетесиңби?

- Жо-ок, жолугуп келейин.

- Мейли, мен сени күтөм, атам менен сүйлөшүп, сага жакшы жаңылык даярдап турам, - Денис аны бетинен сүйө узатып калды. Эки жагын элендей караган Камила үйдөн чыгып, аялдамага келип, автовокзалга кетчү автобуска отуруп, жөнөп кетти. Ал келгенде Жийде Асылбекти жайгарып турган экен. Асылбек Камиланы көрүп эле жетип келип:

- Кыз болбой кара жерге киргир, мен сени биякка эр изде деп жөнөттүм беле, окусун деп жөнөтпөдүм беле, - деп жини келип кетти.

- Болду эми, бизди көргөндөр эмне дейт, - Жийде аны акырын нукуду эле ал унчукпай калды. Жибек кызын бетинен сүйө колтугунан алып, ээн жерге алып барды да:

- Кызым, кана эми айтып берчи, жигитиң кай жерлик, кандай үйбүлөдөн экен? - деди жай гана токтоо үнү менен.

- Апа, жигитим Токтогулдан, ата-энеси бар, дурус эле жашайт окшойт. Денистин тарбиялуу үйдө өскөнү байкалып турат.

- Эмне үйлөнөлү деп чечтиңерби?

- Ооба, эки-үч күндө алып кетем деп атат.

- Канча бир тууган экен?

- Беш, үч уул, эки кыз.

- Өзүң кийин өкүнбөйсүңбү анан?

- Өкүнбөйм, - дегенде Асылбектин жини кайнап чыкты.

- Жаш-шабагыр, эмитен күйөөгө тийе чагын кара, машинага отур, үйгө кетебиз, күйөө эле керек болсо, мен өзүм берем сени.

- Кое турчу, баланын үрөйүн учурбай, - Жийде дагы күйөөсүн тыйды. - Сүйлөшүп атам го.

- Кыйраттың, анысы бир селсаяктыр да, азыр алып кетем, алып кел бери, такыр болбосо таңып алып кетем, - деген атасынын сөзүнө көнбөсүн билген Камила аларды алдай баштады:

- Анда кийим-кечелеримди алып, эртең үйгө барып калам.

- Чогуу барып алабыз, мен азыр машинаны айдайын, - Асылбек стоянкадагы машинасын жылдырганда эне-кыз келип отурду. Камила эмне кылаарын билбей эптеп жолдон калып калууну ойлоп, Ош базарына жакын быты-чыты көчөлөрдүн биринин жанына токтотту да:

- Азыр алып чыгам, - деп жүгүрүп кетти. Аны чыгат деп күткөн ата-эне түңүлүп калды. Асылбек түшүп Камила кирген көчөдөгү батирлерге кирип, андай кыз жашабайт дегенди угуп, кыжыры кайнап, супсуну сууй да түштү.

- Бу кызың качкан экен, кийимиңди кой деп алып кете берсек болмок экен.

- Ошентпей, - Жийде күйөөсүнүн тилинен чыкпаганы менен анын оюна каршы эле, кызынын качып кеткенине кейиген деле жок: "Мейли, өзү каалаганга барсын, мен жетпегенге ошол жетсин" деп ойлонуп отура берди. Камиладан кабар болбогондон кийин телефон чалды: "Сиз чалган абонент өчүрүлгөн" дегенден башка жооп болбоду. Аргасы кеткен Асылбек машинасын ачуусу менен ызылдата айдап жолго салганда Жийде:

- Акырын айда, жолдо жалгыз эмессиң - деди коркконунан.

- Ушундай кызды өстүрүп жатканымды билсем кичинесинде тумчуктуруп өлтүрмөкмүн!

- Кой эми анчалыкка барба, бактылуу болсо болду, бизге анын бактылуулугу керек эмеспи?

- Ооба, кайдагы бир немени сүйдүм деп эне-атасын алдап, качкан кыз кайсы болоор дейсиң, ата-энени нааразы кылганы жетээр…

- Нааразы болбо, атасы, өз каныңдан жаралган кызыңа ак батаңды берүүң керек, акыры өгөй кызың эмес го?

- Уккум да келбейт, - эрди-катын ажылдашып үйгө келди. Жийде абдан токтоо, эстүү аял кызын түшүндү, жаштыктын алоолонгон чагын жакшы билет. Бир кезде өзү да күйүп-жанып бир жигит менен сүйлөшүп жүргөндө Асылбек ала качып келгенде ботодой боздоп: "Мени кое бергиле, мен силерге бүлө боло албайм, кое бергиле сураныч" дегенде Асылбектин ата-энеси босогого туруп алып: "Мына бизди аттап кетсең кете гой, кийинкиңди ойло, кызым, кыз бизде да бар, уулубуз сени жактырып калса айла канча" деп босогонун эки жагына отуруп, жолду тосо буттарын сунуп алышып, кетирбей койгон эле. Жийде бетин басып солкулдап, ыйлап аргасыз тагдырга моюн сунуп берген. Асылбекти сүйбөсө да бир уул, эки кыз төрөп берип отуруп калган. Өмүр бою жүрөк башында өчпөгөн сезим сакталуу, бир адамдын атын көкүрөгүндө сактап жашап келет. Ошондуктан ал да кызын өкүнүчтө жүрүп өтпөсүн деп ойлоп, дилинде ага бакыт-таалай каалап жатты. Асылбек канчалык жинденген менен Жийденин айтканына каршы чыкчу эмес. Бул жолу таптакыр карайды. Жакында эле атасы өлүп кыркын чыгара элек болчу.

Камила келгенде Денис телефондо сүйлөшүп жаткан, Камила унчукпай угуп турду. Телефонун улам кармалап коет, жандырса эле атасы чалып бакырчудай сезилип, босогого жөлөнүп алып ойлонуп атты. Денис:

- Ата, эртең барып калам, - деди бир кезде. - Ооба, кыз Чүйдөн эле болот, ата-энеси бар, жакшы үйбүлөдөн. Ооба, эртерээк эле жеткендей болобуз, эрте чыгабыз. - бери караган Денис Камиланы көрө кучагын жая: - Жаным, баары жайында, атам алып келе бер деди, кыскасы, иш бүттү, - деди.

- Бул батирдеги буюмдар калабы?

- Калса калат, батирдин акысы дагы боло элек, балким иштемек болуп кайра келэрбиз.

- Макул болушабы?

- Эмнеге болбойт, экөөбүз иштейбиз.

- Макул анда, - Камила жигитинин төшүнө башын жөлөдү. - Биз бактылуу болобузбу, Денис?

- Ананчы, биз бактылуубуз, мисалы, мен өзүмдү аябай бактылуу сезип турам, жанымда сен, жүрөгүмдө сүйүү, алдымда чоң максат.

- Кандай максат?

- Кө-өп максат, кийинки жылы мен да окууга тапшырам, жок дегенде шоопур болом, анан машина алып алам да, сени отургузуп алып сенин ата-энеңе, меникине барып турабыз. Шаарда заңгыраган үйүбүз болот, сен экөөбүзгө окшогон уул-кыз төрөп бересиң, аларга биз жакшы тарбия берип чоңойтобуз.

- Тилегиңе жет.

- Экөөбүздүн тилегибиз, Камила, билесиңби бул тилегимди экөөбүз үчүн тилеп жатам.

- Алтыным десе, мени ата-энеңдин алдына алып барсаң, башыма аппак жоолук салынып жүгүнүп, ак дилимден кызмат кылсам, өмүр бою сенин айтканың менен болууга ант берем.

- Ырысым менин, биз бири-бирибизди сүйөбүз да, ошондуктан бизди эч ким бөлө албайт, - Экөө кучакташып тура беришти, Камила ойлуу телмире:

- Денис, - деди бир топтон кийин.

- Оов.

- Менин атам абдан кызык киши, оюндагыдай болбой калса бизди жашатпай кыйнашы мүмкүн, анын үстүнө жакында эле чоң атам кайтыш болгон, ошого да капаланып сөз укпай жатат.

- Эмне болду?

- Каршы болуп жатат, ал мени өзү жактырганга бергиси келген экен, ошого жинденип калды.

- Эмне деп келдиң, кайра барасыңбы?

- Жо-ок, качып баса бердим.

- Ошо кантип болсун, бара берсең болмок.

- Эмнеге?

- Мен сени үйдөн алып кетет элем да.

- Ой, ал мени үйдөн чыгарбайт, сен барсаң токмоктоп коюшу мүмкүн.

- Ошончо эле залимби?

- Андай деле эмес.

- Анан кандай, кызы мендей жигитке чыгып жатканына нааразыбы?

- Ооба, өзү билгенге берет имиш.

- Акыры көнөт эле да, апамдарды жуучулукка жиберсем болобу?

- Ага да болбойт. Кыскасы, мен сенин үйүңө аларга билгизбей барышым керек, андан кийин көрөбүз, - Камила жылмайып койду, бирок жүрөк түпкүрүндө жүрөксүү турду.

- Ойлонбо, жаным, биз экөөбүз ата-энебизди жибитип алабыз, балалуу болуп калсак небересин көргөнү өздөрү эле келет.

- Билбейм, - Камила унчукпай калды, ал атасынын сырын билчү, бир жок дегенинен кайтчу эмес, апасынын кебин да укпай коет жини келгенде. "Элдин көзүнчө уят кылбаса болду, эми эмне кылам, Денистин ата-энесиндей эле макул болуп койсо болот эле го?" деп ойлоп жатты. Бирок аз да болсо көңүлүнө жагып, жүрөгү каалап сүйгөн адамы жанында турганына көңүлү көтөрүлүп, бактылуу болуп турду. Экөө кеңешип Денис кечки тамакка керектүүнү базардан алып келүүгө жөнөдү. Камила атасы чалып калаар бекен деп телефонун жандырып: "Мен азыр чындыкты айтам, эки-үч айдан бери жашап жатканымды, боюмда бар экенин айтам, анан эмне дээр экен" деп күтүп жатты. "Денис келгенче чалса сүйлөшүп алат элем" деп чый-пыйы чыгып отурганда кудай берип чалып калды. Жүрөгү дүк-дүк этип бир аз тайсалдап, ата-энеси маңдайында тургандай калтырай түшкөн Камила телефондун кулагына такап:

- Алло, - деди акырын.

- Камила, кайда кетип калдың, атаң жинденип жатат, куураган кыз болдуң го, муну билсек шаарга окутпай коймокпуз, кайдасың азыр? - деген Жийденин үнүн угуп бир аз өзүнө келген Камила ага бүт сырын айтмак болду.

- Апа, мен Денис менен үч айдан бери жашап жатам да, эртең айылга келебиз, анан алар алдыңарга келет.

- Кок-уй, муну укса атаң ажалынан мурун өлөт. Баягы Баатырбек деген досу бар го, ошолор келин кылып алабыз деп жаткан, эми эмне дейм ал кирип келатат. Мейли эми бактылуу болгула, менин айтаарым ушул, кызым, кудай багыңды ачсын, - Жийде шашып телефонду өчүрүп койду. Камила ойлуу отуруп калды: "апамды урушуп жаткан го, байкуш апам ай мен үчүн азап чеге турган болду". Ушул учурда Денис эки колуна эки пакет көтөрүп кирип келди. Тура калган Камила пакетти ала коюп, кечки тамакка өзү киришти. Камила үйдө тамак жасап көрбөгөн, Денис экөө жашап жүргөндөн бери Денис жасап жүрчү. Ал апасы оорукчан болуп, өздөрү жасап көнүп калган. Эми картошканы, пиязды аарчып, этти туурап койду да:

- Денис, - деп колдорун ушалап туруп калды.

- Эмне болду, Камила?

- Сен көрсөтүп берчи, тамак жасагандан коркуп атам.

- Ой кокуй күн десе, заматта үйрөтөм, эмне кайненем сени капка бууп чоңойтту беле? - Денис күлүп кастрюлду газга коюп: - Буга май куясың, анан май кызыганда пиязды кууруп, андан кийин этти саласың, ал куурулгандан кийин картошканы кош, эгер салынган эт көп болсо анда картошка эт салынгандан кийин салынат, - деп аны карап мулуңдап койду. - Берекем, эсинде болсун, эгер беш бармак жасагың келсе картошка кошулбайт.

- Түшүндүм.

- Түшүнсөң ошол, эт кызыл курулгандан кийин сууну куябыз, аз-көбүнө жараша туз салабыз, анан ширин тамак болот.

Камила уялгандай карады жигитин:

- Мени дөдөй экен деген жоксуңбу?

- Эмнеге?

- Ошого.

- Жинди кайненемдин эрке кызы болсоң эмне кылмак элем, баарын өзүм үйрөтүп алам, - Денис аны кучактап өөп койду. - Эч кам санаба, мен сендикмин. Айылга барганда сен жасайсың, мен карап турам, анан өзүн көнүгүп кетесиң, ээ?

- Ий-ий, иши кылып уят болбосом болду.

- Эч коркпо, эч кимге билгизбей экзаменден өткөзүп коем.

- Рахмат сага, Денис, мен сенден бир мүнөт да бөлүнгүм келбейт, эгер ата-энем алып кетип калса эмне кылам?

- Алып кетпейт, эл-журт деген бар, атам деген совхоздо белгилүү кызматтарда иштеп жүргөн, кадыр-барктуу. Сени чыркыратып берип ийбейт, биз бири-бирибизди сүйөбүз да.

- Билбейм, атамдан корком.

- Коркпо дедим го. Кайнатамды бат эле көндүрөбүз.

- Ошондой болсо жакшы болот эле, атамдын өзүнүкүн бербеген кыялы бар, апам эле мен үчүн кыйналып жатат болуш керек?

- Баары жайына келет, аргасы жок макул болушат, анан баары унутулат, жаным, анан бизден өткөн бактылуу жан жок болуп, бейпил гана өмүр сүрөбүз. - Эки жаш келечегинен көптү үмүт кылып кыялданып, отуруп калышты. Чакан мискейде тамак кайнап жатты. Ошол убакта телефон чырылдады, Денис алып:

- Алло, Алмаз аке, кандайсыз? - деп сүйлөшө баштады. - Баары жайында, аке, келиниңерди буйруса эртең алып барып калам. Ооба, ал түшүнөт, аке, сиздерди уят кылбайм, мейли көрүшкөнчө, - телефонун койгон Денис көздөрүнөн бакыт нуру чачырай Камиланы карады. - Бизди чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

- Алар ойлогондой атам чатак чыгарса кантем? - Камила жүрөгүн өйүгөн суроосун берди.

- Айттым го, балким баарын салтка айлантып жасасак унчукпай калат, кызым кандай жерге барат деп ойлонуп жаткандыр да.

- Кызык, неге адамдар ар түрдүү?

- Беш кол тең эмес деген сөз бар эмеспи, ошондой болот экен да-а дүнүйө. Өзүңдү кыйнай бербечи, менин урук-туугандарым, түбү түктүү жакшы жер, салтты билген, сөз түшүнгөн эл, сени тоту куштай гана кулпуртуп алам.

- Ыраазымын, - Камила телмире отуруп калды. Денис келинчегинин муңайып отуруп калганын көрүп боору ооруп кетти.

- Жаным менин, сенин мага күлүп турганың гана жагат. Кана күлүп койчу, - деп жаагынан кош колдой тартып өзүнө каратты. - Мына, мына жүзүң күлмүңдөй түштү, мындан кийин мынабу бүтүк көздөрүңдүн дайым күлүп турушун каалайм! - деп эки бетинен өөп койду.

- Ма-акул, - Камила жаштуу көздөрүн ирмегилей башын ийкегилеп күлмүңдөп жатты. - Макул эми капаланбайм, сен жанымда турганда мен бактылуу болууну гана эстейм.

- Алтыным, биз эми келечегибиз жөнүндө гана ойлошубуз керек, кой эртеңки жолго камыналы, мен достордон телефон аркылуу чакырып коеюн, экөөбүз жашап жүргөнбүз деп соксоюп барганыбыз болбойт, салт-санаа деген бар.

- Чын эле, баса биз экөөбүзгө ылайыктуу кийим-кече алышыбыз керек го?

- Сөзсүз да, эртең Дордойго барып алып алабыз, - деген Денис досторуна чалды да, убакытты белгиледи. Камила телефонду өчүрбөй унутуп калган экен, бир убакта чыр дей түштү эле, анын жүрөгү болк дей түштү, караса атасы, бир аз туруп анан тобокелге салды.

- Алло, угуп жатам.

- Угуп атпай жерге кир десе, менин колумдан өлгүң келбесе үйгө кайт, аталыктан кечип койбоюн, үйгө келбес кылып, топурагымды түйүп берем.

- Ата-атакебай, эркелетип өстүргөн кызыңа мынчалык каарыңды төкпөчү, мен өзүмө жаккан адамга гана турмушка чыгам уруксат берчи?!

- Кыз болбой кытай ала качкыр десе мунун сөзүн кара, келип кал деп атам, кийин эшигиме келчү болсоң таарынба ошонуңа кошуп алып сабайм, энеңди өзүңө кошуп чыгарып коем! - деп күпүлдөй берди эле Камила ыйлап туруп:

- Кечип кетсеңиз да кайылмын, мен өз каалоом менен турмушка чыгамын, ошолордун колунда өлсөм да кайылмын, ата! - деп телефонду өчүрүп отуруп калды.

- Эмне деди, дагы деле жинденип атабы? Кам санабай эле кой, эртең өз үйүбүз, өлөң төшөгүбүзгө барабыз, түбөлүк эл журтуңду табасың, ата-эне кайда бармак эле баары бир кечирет, жибийт, - деп Денис аны сооротуп жатты. - Жаным, мындайлар боло берет, биз бактылуу жашасак эле көөнү жайланып калышат, ким эле кызын бактысыз болсун десин.

- Мени кечир, Денис, атамды көндүрө албадым, ал мени угууну ойлободу, өз кызын кечиргиси келбеди, эмнеге, Денис? - Камила буркурап ыйлап жатты. Эки жаш ортодогу сүйүүнүн тазалыгын, улуулугун далилдеп жашоонун ачуу-таттуусун бирге татып, кандай тоскоолдук, азап-тозок болсо да чогуу болууга дилдеринен биригип турду. Эртеси таңынан Денис менен Камила Дордойду көздөй жол тартты, шашылыш түрдө кийим алышты да, батирине келип кийинип алып, телефон чалган досторуна байланышкан Денис:

- Кеттик, достор машинаны жолдон алып күтүп жатышыптыр, - деп Камиланы карады.

- Кудайым жол берсе экен, Денис, негедир толкундангангабы жүрөгүм алып учуп жатат да?

- Ал сенин бөтөн үйгө кетип баратканыңан кооптонуп жатканыңдыр, сарсанаа болбочу. Досторум күтүп калышты, тезирээк жөнөйлү, - Денис аны шаштыра баштады. Экөө ээрчише автовокзалга келишсе үч досу күтүп жаткан экен, Денисти көрүп эле:

- Куш боо бек болсун, дос, бизге айтып койбой кайда жүрдүң, дос, угуп алып жумушту да таштадым, - деп бакылдай Майрамбек кош колдой учурашып, баштарын тийгизип койду.

- Куттуктайм, дос! - Бакыт колун кысты. - Иштейм деп келип, Чүйдүн чүрөгүн көрүп эле баарын токтоттуңбу?

- Денис, кана, досум, көрүшүп коелучу, кармаган кушуң кут болсун, - деп Эрнис бир жактан чыкты. - Кана жөнөдүкпү?

- Кеттик, достор, силерге рахмат, айтаарым менен келип бергениңер үчүн, - Денис Камиланы колдон алып, гольфтун артына отурушту. Бакылдашып кетип баратышып Камила менен да таанышып алышты. Денис айылга телефон чалды:

- Алло, ата, биз жолго чыктык, ооба, тез эле жетип барабыз, жолдо кармалбайбыз.

Калмурат колунда бар, бакылдап айыл элине кадыры жакшы адам. Уул-келини келгиче эле жеңетайына берилчү акча менен малын дайындап койгон. Келин-кесек боорсок жасап дасторконун даярдап, апасы Ажар көшөгө тартып аппак жоолугун белендеп күтүп калышты. Денистен улуу эки уулу үйлөнүп, бала-чакалуу болуп калышкан, эки кызы да турмушта. Абысындар ара-чолодо бириге калып, шыбыраша калып жатты.

- Аймира, кандай келин келээр экен, тымызын экөөбүзгө асылып отурган апама ушул кичүү келини көрсөтсө экен, деги чүйлүктөр орус чалыш болушат го? - деди улуу келини Динара.

- Ооба десеңиз, кылганыңды жактырбай кээде силкинип-булкунуп калат, ошо кенже келининен көрсө анан экөөбүздүн бирибизге кошомат кылат, - Аймира башын ылдый кыла бирөөлөр угуп калбасын дегенчелик кылып акырын күлүп койду.

- Ыктаса сага ыктасын, сен ортончусу эмессиңби күйөөң экөөң үйдө болосуңар, биз быйыл шаарга кетебиз.

- Апий, жеңе, мени эмне түбөлүк ушул үйдө жүрө берсе дегени турасызбы, кайнатам турбайбы жашай беришет, мен дагы өзүмчө кетем да?

- Өзүң билесиң дечи, дегеле ушу кайненемдин жанында тургум келбейт эмнеси болсо да…

- Мен дагы тургум келбейт, Азим тилимди алса эртең эле кетет элем.

- Кое тур эми, кенже келинибизди жакшылап тосуп алалы, андан кийин бир-бирден өз маселелерибизди чечебиз да, -Динара ишине алаксый Аймирага: - Муну ал, үйгө кирип салат жасай коелу, - деди.

- Сиз экөөбүздүн ынтымактуу болгонубузду да көрө албайт, эгер көрүп калса күйөт го? - Аймира абысынын карап күлүп коюп үйгө кирип салат жасап жатты. Алардан башка туугандарынын келиндери үйлөрүн жасап, кудалар келип калса деген Ажарга жардам берип жаңы шырдак, ала кийиздерин төшөп, килемдерин тартып жаны тынбай жүрүп кеч кирип кетти.

- Ой, Калмурат, күтүп олтура бербей чалсаң боло, Алмаз кайда жүрөт телефон чалсын. -Ажар кабатырдана күйөөсүн карады. - Саат ондордо эле жөнөдүк деди эле, кеч кирип кетти, аман-эсен келип калышса экен.

- Келип калат, жаштар жолдо ойноп жүрүшкөндүр да, даяр тур суу-пууңду белендеп кой!

- Белен эле, тынч-аман келип калышса экен, улагыңды даярдап койдуңбу?

- Ооба, - деп Калмурат ылдый баса бергенде ылдыйдан чаң бурулдап калды. - Келип калды, кемпир, мынабу машина биздин айылдыкы эмес.

- Ээй, кудай, келип калыштыбы? Ой Айсалкын, чык бери, чачыланы ала чык, кызым, Денистер келип калды, - Ажар Айсалкынга үн салды, аңгыча ызылдаган машина келип үйдүн эшигине токтогондо баары топурай тегеректеп калышты. Элет эли, жаш балдар-кыздар келинди көрүүгө ашыккандай кызыга карап калганда Денис түшүп атасы менен учурашты да, апасына бурулду:

- Апа, келиниңди үйгө киргизип ал! - деп жылмайганда араң турган эне уулун кучактап бети- башынан шорулдата жыттап алып, Айсалкындын колундагы суу куюлган чыныны алып:

- Балекет-салекетиңдин баары ушуну менен кетсин, башыңа бакыт менен кут, дөөлөт орноп келинчегиң акжолтой болсун, - сууну уулунун башына үч айлантып, - Түкүр, - деди. Анан ал чыныдагы сууну ары карай төгүп чыныны көмкөрүп койду. Келиндер менен аялдар жаңы келинди машинадан алып түшүп, үйдү карай колтуктап бараткан эле. Камиланын көзү жашка толо түштү, Дениске ыраазы болуп: "Денис, сага өмүр бою ыраазымын, ушундай бакытты мага ыроолоп эшигиңди аттатып, өмүрлүк жар кылып алдың, ыраазымын сага" деп көз жашынын төгүлгөнүн байкабай бара жатты.

- Ыйлаба, кагылайын, бактылуу бол, Денисим алтындай бала, түшкөн жериң андан бетер жакшы, - деп картайган аял аны көшөгөгө киргизди.

- Ыйласа ыйлап алсын, кыз күйөөгө тийгенде бир кубанычтан ыйлайт, бир капа болуп ыйлайт, кубанганы өзү каалап сүйгөн теңине келгенине эмеспи, ыйлаган кыз бактылуу болот! - деп бири шакылдады. - Жеңем кайда жүрөт келинге жоолук салбай?

- Мына, айланайын, Бүбү эже, келиним сиздей балпайган жакшы адам болсун, жоолукту сиз салыңыз, - Ажар жоолукту Бүбүгө берди.

- Салса салайын, - жоолукту Камилага салып, бетинен шалп эте өөп койду да, - Ак жоолугуң башыңан түшпөй алганың менен кол кармашып түбөлүк бирге болгула. Садагам, улуулардын жолун жолдоп ак уул, кызыл кыздын ата-энеси болгула, ар дайым ак жолуңар ачык болуп көшөгөңөр көгөрсүн! - Камила жоолугун ылдый кыла жүгүнүп жатты.

- Бар бол, айланайын, ырыс-кешиктүү бол! - деп келинди көшөгөнүн аркасына киргизип коюп ошол жерге чай коюп аялдар чай ичип отурушту.

- Мен келин болуп келгенде, - деп калды элүүдөн өткөн аял, - Ушу Марат айтпай ала качып ала келип алды, отурбай жаныма келгендерди жолотпой жатам, анан эле карыган чал босогого туурасынан жатып алды, "Мейли, балам, отурбасаң отурба, мени аттап өт да бара бер" дебеспи, ыйлап жаткан жаныма жоолукту салып көшөгөгө алып киргизип койду, ак же көк дей албай көшөгөгө кирип алып ыйлап атам, - деп күлүп калды, - кийин көрсө өзүмдүн кайнатам экен ошол чал, уялып жүрбөдүмбү көпкө чейин.

- Анан эмне, ыймандуу болчу ошол убакта жаштар, - азыр эмне деп сөз баштады бирөөсү.

- Кудайга шүгүр, ушу менен үч келин алып жатам чыр-чатагы жок эле, келиндерим ыймандуу эле буйруса, - деп Ажар сөзгө кошулду.

- Сиздин балдарыңыз жакшы да келиндериңизди чатак кылбай турган кылып алып келет. Баары күлүп калышты. Камиланын жанында эки-үч кыз отурган, алар анын атын сурап сүйлөшүп жатышты.

- Ажар, бери келчи, - деди Калмурат баш багып.

- Атаны кудай ай, менсиз дегеле иш бүтпөйт, - Ажар наалый чыгып баратты.

- Үйбүлөнүн эң башкы министри болсоңуз анан, акем акылдашайын дейт да, - Ибарат тамашалай артынан күлдү.

- Ооба десең, кеңешип кескен бармак оорубайт деген эмеспи.

- Эрди-катынды эриш-аркак кылып жаратып койгон тура, - дешип шыпшына отурушту аялдар. Камила ойлонуп отурганда Ажар келип:

- Балам, ата-энеңердин аты-жөнү менен дарегин айта кой, балдар чогуу ачуу базар жеткиришсин.

- Атам Асылбек, апам Жийде, Чоң-Арык айылында…

- Мейли, садага, бир ооз кат жазып бересиңби, ала барышсын.

- Макул, аа-а менде…

- Кагаз, ручканы азыр алып келем, - Ажар заматта кагаз менен ручка алып келип берди. Камила жүрөгү түпөйүл боло: "Ата-апа, мени кабыл алып жөнөткүлө, кызыңар Камила" деп кыска гана кылып жазып берди. Өзү уурулугу кармалган адамдай өзүнчө кыжаалат болуп көңүлү ачылбай бир маалда телефонун алып, кайраттана телефон чала баштады.

- Алло, ата, мени уят кылбай баргандарды жакшы тосуп алгыла, - деп кайра өчүрүп салды. Атасынын үнүн уккусу да келбеди. Шаарга эртең менен эрте үч киши жөнөй баштады. Алар дарек боюнча чоң заңгырата салынган үйдүн короосуна токтошту.

- Кудалар кандай тосуп алаар экен? - деди Денистин жездеси Турат.

- Кызы өзү каалап барып аткандан кийин эмне демек эле, жеңетайды да акем оңой берген жок, - деп Калмураттын иниси Бекболу кенебей айтканда арытан Асылбек көрүнүп аларды көздөй басты.

- Кулдугубуз бар, куда, кызыңар бизге келин болду.

- Кулдугубуз бар, куда,

- Кулдугубуз бар, - деп ага жете келип саламдашканда Асылбек керсейе минтти:

- Кулдугуңуз кудайга, менин андай кызым жок!

- Куда…

- Куда, балдар сүйлөшүп алышыптыр…

- Куда… - деп келе жатканда Асылбек ачуулана:

- Мен айттымбы айттым, демек бара бергиле, мен азыр куда тосо турган абалда эмесмин, жакында эле атам өлгөн, мен эч ким менен сүйлөшө албайм! - деди орой.

- Кечиресиз, куда, андай болсо ачуу басарды алып коюңуз, кудаңыз ачуу басарга жетимиш миң сом берип жиберди эле, алыс жолдо малды алып жүрө албадык, бул тайдын пулу менен берди эле…

- Кереги жок, келген жолуңар менен кете бергиле, мага эч нерсенин кереги жок!

- Ошондой кантип болсун, кызыңыз кеткенге ичиңиз ачышып турганын билебиз, кыргыздын ата-бабадан калган ыйык салты экен, кызды алган биз айыптуубуз, - деп Бекболу бежирегенде Асылбек аны карысынан алып, короонун эшигинен чыгарды да:

- Эмесе ошо салт-палтың менен түш, менин сени менен акыйлашкыдай убактым жок, дагы сүйлөсөң муштум жейсиң! - деп түртүп жиберди.

Үн дей албай Турат менен Азим туруп калды эле ызалана түшкөн Бекболу:

- Кеттик, - деди, үчөө эми машинага отуруп жатканда ары жактан Жийде жүгүрүп келатып: - Тигилерди, кызыңды уятка калтырба! - деп жетип келди эле, Асылбек:

- Үнүңдү басып үйгө кир, бир нерсе десең ошолордун көзүнчө келтек жейсиң! - деп сүйрөп жөнөдү.

- Эй Асылбек, кудайды карасаң боло, ошол жетимиш миңди берген берет, колунда жоктор

беш-он миң сом зорго табат, сен мени алганда эле укмуш белең, сойорго коюңар жок карызга алып кутулбадыңар бэле, нысабын жок сенин, кызыңды шылдың кылдың, - Жибек ыйлап жатты. - Сени киши кылып жүргөн мен, досуңду дос тууганыңды тууган кылып, мен болбосом жүрмөксүң!

- Энең дурайын акмак, эмне деп жатасың ыя, башыңды жулуп коем, оозуңду бас!

- Баспайм, кызымдын жүрөгүн оорутуп, барган жерине шерменде кылган сендей атадан көрө жогу жакшы, унчукпай койсо тим эле дардаңдайсың да. Мен сени менен ажырашам, сени менен ушинтип жашаганча, - Жийде да өзүнүн кыялын көрсөтө булкунуп кийинип кете турган болгондо Асылбектин ого бетер кыжыры кайнап колунан алды да, жаакка чаап-чаап ийди:

- Эми менден кетип сүйгөнүңө барасыңбы, кызыңа жакшылап тарбия бергендин ордуна мени кекетесиңби! - деп түртүп ийди да, жини таркаганча тепкилеп койду.

Ошентип Жийде төркүнүнө кетип калды.

Ошентип эки жаш жашоонун ыйык жолуна түшүп, өз сүйүүлөрүн далилдеп жашап калышты. Камила абысындарынан басынып жүрдү. Убакыттын өтүшү менен Камила аргасыз ичтен капаланып жатып, боюнда болуп калганын да байкабай калды. Анткени ал башкалардай болуп талгак болгонун деле байкаган жок же санаа менен сезбей калдыбы, качан гана ичи кыймылдаганда билди. Кайненеси аны көтөрмөлөп, жакшы сөз айтып калса эки абысыны ичтери күйүп калчу болду.

- Ай жеңе, - деди бир күнү Аймира, - Көрдүңүзбү, Камиланын жөн эле көзүн карап калыптыр го апам, эң кенже келиним деп жакшы көрүп жатканы го?

- Акыры ушу карайт деп жаткандыр да, ошонусу жакшы эмеспи бизге, экөөбүз эки жакка бөлүнүп кетебиз, уйдун богундай болуп бул үйдө отура бербей, кайнене-кайната менен жашаган жаман экен ай, өз ата-энеңдей болмок беле?

- Ошо да, мен да тургум келбей калды, Камила эле турбаса бир мүнөт турбайм.

- Алмаз экөөбүз баш-аякты жыйнап, кудалары келип кеткенден кийин кетебиз го, үч баланы алып эле кетем.

- Силер дагы кетсеңер, мен Азимди эптеп көндүрөм да, жок дегенде районго бөлүнүп кетем, - Эки абысын ошентип сүйлөшүп жатты. - Жеңе, деги кудалар келет бекен, кызынан кечип койгон имиш го?

- Баласынан ким кечсин, көбүрөөк калың алыш үчүн ошентип жаткан чыгаар, калыүды көп алгысы келгендер ошенте берет.

- Апий, жеңе, бизге жеңетайга бир торпок менен он миң сом эле бербеди беле, буга тим эле атам да эрип кетип жетимиш миң сом берди го?

- Мага деле ошондой берген, кайра атамдар эки эселеп сеп бербедиби, - Динара менен Аймира сүйлөшүп отурганда Ажар кирип келди эле, экөө сөздөрүн угуп койгондой тура калды:

- Апа, бирдеме болдубу? - Озунуп Динара сурады.

- Жо-ок эчтеке болгон жок, тиги Камиланын төркүндөрү эми келишет экен, боорсок-соорсогуңарды жасай койгула.

- Канча киши келет экен, бүгүн келмек болуптурбу?

- Бешөө эле дейт, дагы эмне болуп кетет, жакшылап даярдангыла, балам, келиндерди чакырып салаттарды жасагыла, бол эртерээк. Канча күндөн бери кыйналып калдым окшойт ооруп турам, өзүңөр камына бергиле, мен эс алып алайын, бүгүн келишет го.

- Жатып эс ала бериңиз, биз даярдана беребиз, Азимди отун жар дейин анда, - Аймира сыртка чыга жөнөдү.

- Аймира, тиги Сайраш менен Гүкүлөргө балдарды жөнөтүп ийчи, келип калсын, - Динара ага карай тапшырма берип өзү ишке киришти. Камырын жууруп жатканда эки келин келип калды. Сайраш менен Гүкү жакын туугандарынын келини, экөө тең Динарадан кичүү.

- Жеңе, биз эмне кылалы?

- Силер салатка сабиз менен кызылчаны асып коюп, анан тиги жерде турган эттен майда туурап, фунчозаны сууга салып, даярдай бергиле.

- Болуптур, - деп экөө айтылган жумуштарды жасай башташты. Сырттан кирген Аймира:

- Президентти эле күткөндөй болдук го, жаланкычтын кийинкиси күчтүү деп келинибиз чойоке окшойт, дегеле үйдөн чыкпайт ай, күйөөсү экөө өз бөлмөсүнөн чыкпай кечке эле жатат.

- Тим кой, балким ата-энеси келбей капаланып жаткандыр, бала аны сооротуп жатса керек да, - Динара абысынын тыйган болду. Ал унчукпай калды. Керээли кечке даярданып баарын бүткөндөн кийин Динара Камилага: - Камила, кудалар келатыптырбы? - деди.

- Ооба, жеңе, келип калышат го, алыс жерден келиши ушул экен да?

- Мейли анда, - Динара ары басып кетти. Эки-үч сааттан кийин эки машина келип токтогондо чогулгандар утурлай тосуп:

- Кулдугубуз бар, кудалар, келиңиздер! - деп үйгө карай жол баштап, конок үйгө киргизип сый көргөзө баштады. Алдына коюлган тамактарды алаар-алмаксан болуп отургандар келгени жылмайбады, суз гана отурушту. Эки аял, үч эркек, сиңдиси кошо келген экен. Аябай сыйлап койдун этин тартып, кымбат арак-шараптарды алып келди эле ичишкен да жок. Эртеси кетээринде алдында ачуу басар деп жетимиш миң сом, андан башка отуз миң менен бирге кийим-кече койду эле бирин да алышпады. Канчалык асты-үстүнө түшүп машинасына салып берсе да албай коюшту. Камила дагы ыйлаган бойдон калды. Акыры анын түрү бузула баштады. Кыял көрсөтүп, туруп-туруп эле ыйлап алат. Денис андайда жалынып-жалбарып:

- Камила, капалана бербечи, акыры көнүшөт да, балалуу болсок ошондо өздөрү эле келишет, - деп сооротот.

- Денис, мен барбасам болбойт, мен үчүн ата-энем ажырашмак болуп атыптыр, мен ага жол бербейм, андан көрө өз үйүмдөн атама өлүп бербесем, апамды мен үчүн күнөөлөгүдөй, анын күнөөсү эмне? Мен өз бетимче күйөөгө чыгып кетсем эле күнөөлүү болмок беле?

- Койчу эми, капаланбай тынчтанчы, эмне сени төркүлөтөлүбү?

- Ой, ошондо болмок беле, баарыбызды үйгө киргизбей уят болом да, мен атамдын сырын жакшы билем, айтканын кылат.

- Анан кандай кылышыбыз керек?

- Мен өзүм барып келишим керек, болбосо апама жаман болот, - деп Камила ыйлап жатты. Денистин аргасы кетти:

- Мен сага айткам, баягыда кошо кете берсең болмок, мен өзүм ошол үйдөн алып кетмекмин, эми барсаң уят, бияктагылар эмне дешет?

- Билбей, эмне кылаарымды да билбей калдым, эл эмне десе ошо дешсин, кетпесем болбойт.

- Кызыксың го, эми чыдай тур да, төрөсөң келбесе анан алып барам, - Денис аргасы кете сүйлөдү. Экөө ары кетип, бери кетип отуруп, акыры төрөгөнчө чыдоого көндүрдү аны. Ичи билинип алты ай болуп калган, болоор-болбостон экөө уруша кетти, Денис жинденип үйдөн чыгып кетти. Камила анын артынан жүгүрүп:

- Денис, мени кечирип койчу, эч качан антпейм эми, Денис, бери кел дейм, Денис! - деп кыйкырды.

- Барчы ары, чарчап кеттим! - деген Денис колун шилтеп кетип калды. Камила ыйлап жатып алды. Ажар анын жумуш кылбаганына кайыл, төркүндөрүн сагынды деген ойдо анын жанына кирди:

- Камила, көп эле ыйлай бербе, балам, ата-эне кечип кайда барат эле, сенин өз каалаганыңа кетип калганың жакпаса керек да атаңа, ичиңдеги балаңа да зыяны тиет, ыйлаба, айланайын.

- Апа, мен өзүм барып келейин дедим эле?

- Кой, кокуй, салтты билбеген кандай немелер дебейби, мен атаң менен да кеңешип көрөйүнчү, жок дегенде Денис менен бир келинди кошуп, союш союп берсек барып көр.

- Өзүм эле барам, кайра келип калам, - Камила жалдырап ийди. - Апа, макул десеңиз, өзүм барып келейин.

- Кеңешип көрөйүн, сен ыйлаба балаңа таасири тийет, - Ажар чыгып баратып келинин бир карап алып боору ооруп кетти: "Кудая тобо-о, ушундай да ата-энелер болот экен да, өз баласын жериген, эми мында не күнөө бечара, уулумду сүйүп калганыбы?" - деп ойлуу өз бөлмөсүнө кирип отуруп калды. Калмурат кирип:

- Тиги келин дегеле козголбойт да, кемпир, экөөбүздү жыргатпайт го? - деди отуруп жатып.

- Акырын, ал да бирөөнүн баласы да, ботом, ансыз деле ата-энесинин кылыгына чүнчүп жүрөт, - Ажар маанилүү сөз айтчудай, - отурчу мындай, келин ыйлап атат, үйүмө өзүм барып келейин дейт, - деп шыбыраганда Калмурат чоочуп кетти:

- Өзү барганы эмнеси?

- Эми ал бала да, таарынычын өзү барып айткысы келип жаткандыр, өйдө-төмөндү билмек кайда, андан көрө кеңешели, Алмаз менен Динараны, тиги баланы кошуп жөнөтөлү, берчүүндү бер, бирди союп берели, эмне дейсиң?

- Ойлонолучу, Бекболуга кеңешейинчи.

- Бала сен эмне десең мейли дейт да, андан көрө бир семиз койду камда, мен боорсок жасатайын, бүрсүгүнү жөнөтүп ийели, жалгыз соксойтуп кое бербей, боюнда да бар.

- Мейли, кемпир, бул сөзүң да туура, - Калмурат бул сөзгө муюгандай болду.

Ошентип алар дагы бир жолу Асылбектин босогосун аттамак болушту. Үчүнчү күнү өзүм эле барып кайра келет элем дегенине болбой Алмаз, Динара, Бекболу анан Денис менен Камила болуп өздөрүнүн машинасы менен жөнөп калышты. Камиланын көңүлү такыр ачылган жок, ичинен сарсанаа болуп баратты:

"Апам келди бекен, атам киргизбей койсо канттим, эмнеге менин атам мындай, башкалардын атасындай эмес" деп ойлоп кете берди. Эрте чыккандыктан түш оой, саат үчтөрдө жетип келишти. Камиланын жүрөгү дүкүлдөп өзү чоңоюп өскөн үйүнө аттап кирүүдөн тартынып, короонун эшигинде туруп калды. Бир кезде иниси Насыр келип:

- Эже, келдиңизби, эми кетпейсизби? - Эң кичүү иниси аны жалдырай карады. - Апам дагы жок, кетип калган. Инисин кучактаган Камила ыйлап жатты.

- Ооба, кетпеймин, апамды алып келебиз, - Экөө ыйлап жатканда Асылбек чыга калып:

- Насыр, бас бери! - деп кыйкырды.

- Ата, Камила эжем келди, үйгө кире берсинби?

- Кирбейт, тез үйгө бас!

- Ата, эжемди үйгө киргизеличи? - Насыр атасына жалооруй карады. Баятан бери эмне кылаарын билбей туруп калышкан, Бекболу тайсалдай Асылбекти көздөй басты:

- Кулдук, куда, келин силерди сагынганынан алып келдик эле.

- Алып кете бергиле, менин андай кызым жок!

- Ата, ал эмне дегениңиз, мени эмнеге жек көрүп калдыңыз, өзүңүздүн сүйүктүү кызыңыз эмес белем? - Камила ыйлап жатып ушинткенде Насыр үйгө кирип кеткен.

- Бас үнүңдү, мен үчүн сен өлгөнсүң!

- Тирүү кызыңызды өлгөнгө чыгардыңызбы, ата, атакебай антпечи! - деп Камила короого кирмек болгондо Асылбек кыйкырып жиберди:

- Токто, босогомду аттаба!

- Ата-а?

- Жогол көзүмө көрүнбөй, - деп үйүнө кирип кетти. Камила ботодой боздоп турганда Динара аны сооротуп жатты:

- Кой ыйлаба, ачуусу тарай элек тура, капаланбай эле кой, буларды таштап кете берели, - Динара Алмазга карады. - Жүктү түшүр, инисине берип коюп кете берели, антпесек кеч кирип кетти.

- Макул, - Алмаз багаждан жүктөрдү түшүрүп жатканда Асылбек кайра чыга калып:

- Кереги жок, алып кет ары! - деди. Бири-бирин карап туруп калышты. Бир убакта Насыр бери карай жүгүрүп келатканда ага жиндене кыйкырды.

- Кайда барасың, эй бала?

- Эжеме, мен эжемди сагындым, - Насыр ыйлап ийди, Асылбек менен ушул кенже баласы эле калган, Адина Жийде кеткенде кошо кетип калган болчу.

Бир убакта бар күчүн жыйнаган Денис Асылбекти көздөй өзү жөнөдү. Эмне болуп кетээр экен дешип беркилер карап туруп калышты.

- Ата, мени кечириңиз, бир мен деп кызыңызды өлүк кылгыңыз келбесе алдыңызда турам, менден өч алсаңыз болот!

- Эмне-е, сен ким болуп кеттиң мага акыл айткыдай? - деген Асылбек аны жаакка бир чапты. - Менин колумдан өлө элегиңде жоголуп кет, болбосо башыңды тооктой жулуп салам!

- Камиланы менден артыкка берет белеңиз, эгер мен сизге жакпасам азыр кызыңызды алып калыңыз, ыйлай берип азап тартып бүттү, мен кайрылып келбеске сөз берем!

- Тилиңди тартып кал, өлсө бир бала өлөт, алып кете бер!

- Мен аны ыйлатып туруп алып кетпейм, биз жакшы ой менен келгенбиз.

- Ой бала, сен… - Асылбек Денисти бир муштап ийди эле, ал теңселип барып токтогондо буттан чалды да, тепкилей баштады. Камила жүгүрүп жетип:

- Өлтүргүңүз келсе мени өлтүрүңүз, мен өзүм аны сүйөм уктуңузбу, мени өлгөндөн да артык кылдыңыз, - деп ортого түшүп чырылдап жатканда бир коңшусу басып келип, кайра кетип калды. Алар Асылбектин кыялын билгендиктен эчтеке дешпеди. Денисти өйдө кылып, Бекболу менен Алмаз машинага салды. Камиланы Динара:

- Кой, Камила, биз менен эле кете бер, акыры түшүнөт да кайда бармак эле? - деп жетелеп кетип отургузуп, жөнөп кетишти.

- Ики-ий, белимди сындырып койду окшойт, келбей эле өзүн жөнөтүп ийбей, кайдан да катын ала койдум эле, - деп Денис ачуулана сөгүнүп алды. - Сый жарашпаган адам экен.

Камила унчукпады, не демек, ызасынан көзүнүн жашын үнсүз төгүп кетип жатты. Алдыда келе жаткан Денис кыймылдаган сайын "ий-ий" деп окшоп коет. Ансайын Камиланын жети өмүрү жерге кирди. Анан оюна апасы түшүп:

- Аке, мына бул жерге токтой туруңузчу, - деди Сокулукка жеткенде. Алмаз унчукпай токтотту эле түшө калып, жолдун аркы бетине өттү да бир үйдүн эшигин такылдатып жатты. Жийде ошол жерде болчу, эшик ачкан тагасынын кызы менен учурашпай эле апасын сурады. Бир убакта кирип кетип Жийде экөө чыкты, эне-баланын эмне деп сүйлөшкөнү белгисиз, Камила шаша кайра келип:

- Аке, тигил үйгө айдасаңыз, - деди. Алмаз унчукпай машинасын буруп, жолдун жээгине токтоткондо Жийде атасы менен апасы, иниси болуп аларды үйгө киргизип коноктошту. Камила апасы экөө сүйлөшүп отуруп:

- Сен эми калба, кызым, Денис жакшы бала экен, ал айбан эсине келээр, болбосо мен аны менен ажырашам, Насыр азыр жаш, аерде тура берсин, - деди.

- Апа, эми көңүлүм тынды, атамдан аябай көңүлүм калды, неге өз баласын ушундай абалга калтырат?

- Аны айтып эмне кыласың, кызым, ушуга чейин силер үчүн чыдап келгенмин, - деди Жийде кейий.

Денис болсо отуруп тура албай калды, тепкенде омуртка сөөккө зак кеткен окшойт, аябай кыйналып жатты. Жийде аларды аябай жакшы коноктоп кийит-кече кийгизип жөнөтүп жиберди. Бир аз болсо да көңүлү тына түшкөн Камила эми күйөөсүнүн түйшүгүн тартып жатты. Белин көрсөтүп омурткасы жылып кеткенин билип, аны ордуна салдырып көпкө кыйналып жүрдү. Камила кыз төрөп алды, ал төрөгөндө Жийде келинин ээрчитип, иниси, апасы төртөө бешик алып келип берип кетти. Арадан убакыт өтүп Асылбек Жийденин кылыгын угуп, жини келгени менен эчтеке дей албай, алдына түшүп жатып атасынын жылдыгы болоордун алдында алып кетти. Жийде кызына карап кудаларына айттырып ийди эле алар колдорунан келгенинче чогуу келип калышты. Асылбек унчуга албады, Жийде баарын жайгарып жакшы жөнөтүп Камила калып калды. Кызы Аруужан чоңойуп калган. Асылбек эл кеткенден кийин дагы баштады.

- Сен менин тилимди албай күйөөгө тийип, мени уят кылдың, эми күйөөңө айткын, мага үч миң доллар таап келбесе эч жакка барбайсың.

- Сен жинди болдуңбу, мына эми минтип кызы турат, жакшы эле аракет кылды, алып келди, өзүң кабыл албасаң, кимдин эле кызынан жетимиш, жүз миң сом келип атыптыр? - Жийде күйөөсүнө жини келе карады. - Эми жаш деги эмессиң, акылың жок, Асылбек, кызыңды кыйнап койдуң.

- Кыйналбайт, эгер үч миң доллар алып келбесе кызын өлтүрүп салам!

- Эмне дейт, кокуй, Асылбек, сен жинди болуп калгансың го? - Жийде ордунан тура калды. Камила көзүнүн жашын төгүп отура берди.

- Эсиңе кел, Асылбек, кайсы кудай ургур өзүнүн кызын сенчилеп кыйнайт, Камилага анча эмне өчөшүп алдың?

- Кызың мени ата ордуна көрбөй басып кетти, мени укпады, айтканым айткан, үч миң доллар алып келмейинче кызын ала албайт! - деп туруп кетти. Камила Дениске телефон чалды. Ал кичине жакшы болуп калган.

- Алло, Денис, менин сага айтаар жаңылыгым бар, мени атам үч миң доллар алып келбесеңер кызыңарды бербейм деп жатат, мени куткар, Денис! - телефондон ыйлаганы билинип турду.

Денис ата-энесине айтты эле, алар жакаларын кармап унчукпай калышты, көптөн кийин гана Калмурат:

- Уулум, баш аман болсо мал-дүнүйө табылат, кыз биздин каныбыз, ошондуктан эптеп табалы, азыр алтымыш миңди алып барып бергиле, калганын таап беребиз деп айткыла, - деди.

- Капырай эс-акылы ордунда эмес го дейм, өз баласынын баласын өлтүрөм дегени эмнеси? - Ажар ойлуу өзүнчө күбүрөндү.

- Уяты жок неме да, өлтүрө деле албайт, жөн эле акча өндүрүш үчүн ошентип жатат да, - Алмаз башын жерге сала айтты. - Ошондо да өлтүрөм дегенге кантип оозу барды экен?

- Оорусу бар неме го?

- Тобо-о, ким билет аны, мурда билип-көрүп жүрбөсөк, - дешип ойлонуп жатып калды. Бир жумадан кийин карыздап алып, мал-сал сатып, алтымыш миңди алып, эки жеңеси менен Денис жөнөдү. Телефон чалды эле Камила ала коюп:

- Денис, эмне болду? Атам мага Аруужанды такыр көргөзбөй жатат, эмне кылаарымды да билбейм, - деди ыйлап.

- Мен келип калдым, алтымыш миңди алып келдик, ошого макул болобу?

- Билбейм, айтып көрөйүн да, - деп телефонду өчүрүп койду Камила.

- Балким Камила атасына кошумча болуп калп эле ошончо акчаны алдыргысы келип бизди кыйнап жаткан болбосун? - Динара ички күдүк оюн кайнисине кыйытты.

- Камила андай эмес, атасы жинди неме тура, жолуккандан да коркуп калдым.

- Сен көрүнбө, акчаны биз беребиз, анан көрөм мени сабап эле көрсүн, - Динара шымалана билегин түрө күлүп койду. - Кол салып кирсе аны менен күрөшүп өзүн милицияга берип коем.

- Кой эми, жеңе, кудабыз менен күрөшүп чемпион болмок белек, иши кылса баары жакшы бүтсө экен, - Денистин телефону чыр эткенинен ала койду.

- Алло, Камила, угуп жатам.

- Азыр атам жок, Аруужанды апам алып отуруптур, сен көрүнбө акчаны да бербе, мен кызды алып болжолдогон жерге барам. Анын көзүнө чалдыга көрбө, силерди келет деп ойлогон жок, бир жакка кетиптир!

- Анда мен Сокулуктагы тайкеңдин үйүнүн жанында болом, сен маршруткага түшө кал!

- Макул, - телефон өчтү. Денис машинаны айдап жөнөдү. Эки-үч сааттан кийин Камила келип калды. Алактап алган. Кызын бооруна кыса ыйлап ийди.

- Ушуну өлтүрүп коем дебедиби, апам гана кармап жатты, атамын андай жини жок эле.

- Сени бир байга бермек болуп жүрсө анан сен өзүм сүйдүм, тийдим деп башкага кетип калсаң ошондой болот да? - Денис кызын алып бетинен өөп, күлүп калды.

- Кеттик, Денис, кеч кирип баратат, түндөп жол жүрөт окшойбуз?

- Кудай жол берсе, жетип калабыз.

- Баса, бул акчаны кудагыйга таштап койсок болот эле да?

- Кереги жок, бербей эле койгула, эми эч качан келбейм! - Камила жер карай айтты. - Акылынан айнып калгандай тим эле.

- Боло берет, эчтеке болбойт, Камила, бул жашоодогу алгачкы сыноого кабылганыңар, бала экөөңөр жакшы жашап кетсеңер баары унутулат, - дешип сооротуп келатып, - Ай бала, бизди ачкадан өлтүрөсүңбү, Аймира экөөбүз ачкадан өлгөнү калдык, бир жерге токтот, - деди Динара.

- Ошону айтсаңыз, сиз айтпасаңыз үйгө жеткиче кете бермек унчукпай, аялы менен кызы колуна тийгенге кудуңдап эле болбойт, - баятан үндөбөй келаткан Аймира күлүп калды. - Ачкадан өлүп калсак акелериңе жооп бересиң.

- Кой анда Кара-Балтага токтотоюн, ошол жерден тамактанып алалы, мен деле ачка болдум, - Денис ушинтти да, жолду карап кетип жатты. Аруужан жөрмөлөп калган, ар кайсыны кармап "апа-апа" деп ойноп баратат.

- Ээ, ананайын, сен да биздин уругубузсуң да, кызым, сен үчүн кандай гана жетип келдик, - деп Динара Аруужанды өөп койду.

- Ананчы, биздин өз балабыз да, Айкөкүл менен Тику кайра-кайра сурай берет, "кана Аруужан, качан келет?" деп, - Аймира да апалап ойноп жаткан кызды ууртунан чымчый эркелетип койду.

Аңгыча Кара-Балтага келип токтоп жерге түшүштү да, кафеге кирип тамактанып чыккыча күүгүм кирип кетти. Таң ата үйгө жетип келишти. Денис атасына акчаны берди да:

- Алгандарыңызды кайра берип коюңуз, карыз болбой, - деди.

- Эмне албай койдубу? - Калмурат уулун таңдана карап сурады.

- Жок, мен эс алып алайынчы, - деп Денис бөлмөсүнө кирип кетти. Калмурат уулун баш чайкай карап кала берди. Ажарды көрүп:

- Муну бекитип койчу, анан берип коеюн карыздарды, - дегенде ал дагы таңгалды:

- Албаптырбы?

- Көрүп турбайсыңбы, балаң аял албай эле, балээ алган го, зыяны тийбесе эле болду, кандай адам деги ал, баласын кыйнаган, - Калмурат атына чөп салганы ары басып кеткенде Ажар ойлуу туруп калды. "Эми эмне болот, кудай урган кандай немелер, кепке келтирээр эч кимиси жок бекен, ага-иниси жок өзүн-өзү билген неме окшойт" деп үйгө кирип кетти. Денис менен Камила кеңешип туруп, шаарга кетмек болушту. Камила атасын көргүсү да келбей жүрөгү таштай катып калды: "Ушундан көрө бакпай эле койбойбу, элге-журтка, абысындарыма шерменде кылды, айтпай койгонго да болбой калды, эми бул жерде кантип жүрмөк элем" деп уктай албай жатты. Динара менен Аймира да түндөп жол жүргөнгө чарчап жатып алган. Ажар өзү казан-аягын калдыратып, чалына чай-тамагын даярдап жатты. Калмурат кирип төргө отуруп кыңкая кетти.

- Балдардын баары уктап жатабы?

- Чарчашкан окшойт, эс алып алышсын, - дегенде Алмаздын кичүү уулу, Азимдин эки баласы туруп келип дасторконго отуруп калышты. - Эк, кагылайындарым, уйкуңар кандыбы?

- Ооба-а.

- Менин дагы уйкум канды.

- Мен дагы, - деп үчөө чөжүрөшө көздөрүн ушалай жооп беришти.

- Арам какмар Урмат сасып уктап атабы, кичинекейлери эрте турса да, алары турбайт, Мидиндин да уйкусу жаман.

- Тим кой жайына, уктай беришсин, күздө мал келгенде эрте туруп, кой кайтарып, мал айдашат да.

- Тим койбогондо ойготмок белем, анан түш болгондо ойгонуп алып тамак барбы дешип далдырашат да?

- Чоң апа, мен антпейм а-а?

- Мен дагы.

- Мен деле, - үчөө үч жактан чурулдашып жатып чай ичип алып, ойноп кетишти. Кемпир-чал кобурашып сүйлөшүп жатты.

- Камиланын атасы бизди такыр эле адам катары көрбөй койду окшойт ээ, чал? - Ажар Калмуратты карады.

- Көрбөсө көрбөй койсун, колуман келгенин кылдым, балам үчүн кылдым, сый жарашпаса ошол да?

- Мейли эми, кызы турат, жашай берсин, балабыз сүйүп алса бизге эмне, келечеги жакшы болуп эле өмүрлүү болушсун.

- Оой, кемпир-чал, эрмектешип отурган экенсиңер, келин-уулуңар бир жакка кетти беле, эч кимиси көрүнбөйт, - деп коңшусу Анар кемпир келип калды. - Келиндер тура элекпи?

- Алар түндөп жол жүрүп кичи келинди алып келишти, уйкудан калышты го, эс алсын, - Ажар Анарды жактырбаса да, жооп берип чай сунду. - Чайдан ичиңиз.

- Ичтим, таң атпай бир чайнек сүт актап чай кайнатып ичип алдым, келинди туруп качан чай берет деп күтүп отурамбы?

- Жаштар да укташат, анын үстүнө базар деп эле таманын такылдатып жүгүрүп калышты, антпесе балдары нансыз калышса.

- Оо кокуй, Азиманы билесиң го, нан жок деп башы да оорубайт, үч балалуу болгуча базарга чыкпайт, белен болсо жасап ичет да жатат, эри таап келсе кийинет, төркүнүнө барат, - Анар кейиген болду.

- Жалгыз келиниңиз эми, аны күтпөгөндө эмне кыласыз, убагы келип оокат керек болгондо өзү эле чуркап калат, азыр сиз барсыз кант, чай дегенди билбейт, ал да багына келгенин көрсүн бечара.

- Элдин келиндерине окшоп оокат кылайын дебегенине кейийм да, балам бечара күндөп-түндөп эл ташып акча таап келсе төркүндөрүнө жөнөсө, айтасың да ачууң келгенде. - Анар Ажарды бирдеме дейби десе ал унчуккан жок. - Эми козголбой уктап жатат ай, дегеле эрте турайын дебейт.

- Кичүүсү канча болуп калды?

- Эки жаштан өттү, жүгүрүп жүрбөйбү, тили ширин тим эле кагылайындын, жаныма отуруп алып бир сүйлөп берет дейсиң, чулдурап эле атат, - Анар небересин эстетип койгонго кубанып сүйлөп жатты. Ажар өзүнүн башка сөз таап бергенине сүйүндү, болбосо келинин жамандай берип, чарчагандай болду эле. Ажар иштери менен алаксып карбаластап жүрүп алганга кетмек болду.

- Дегеле кол бошобойт, тыңыраак отуруп сүйлөшкөнгө убакыт жок, - деп Ажар узатып коюп үйгө кирди. - Өңгөнүн сөзү бүтсө да Анар эженин сөзү бүтпөйт, байкуш келинин эле жамандай берет, жалгыз баласынын келинин жамандагандан тажабайт.

- Ээк, ошондой жаралса эмне кыласың, жөн эле келинимди ким мактаар экен деген сөзүдүр, ал жамандаса сен мактап кой да келиниң мыкты деп.

- Ырасында мыкты келини бар, канча асылып атса да апалап турат, кудай бере турган эле келин.

- Ошентип койбойт белең анан?

- Эмне кылам, ансыз деле элдин баары билет, Азиманын жакшы келин экенин, мен экөөнө тең бирдей мамиле кылып коем, мунун сөзүн ага айтпайм. - Ажар отуруп калды. - Эми келиндер качан турат экен?

- Алар го мейли түндөп жол жүрүп чарчап келишти, Алмаз эмне тура элек? - Калмурат аялына суроолуу карады, тиги жондогу чөп чабыкка жарады бекен көрүп келсе болбойт беле?

- Тур дебейсиңби өзүң.

- Эмне болду? - Алмаз баш бакты. - Бир пас уктап калсам жиниңер келип жатабы?

- Түш болду, балам, улам бирден келгениңерге чай бере берип белим ооруп калды, алтымыштан ашканда казан кармап кыйналдым го.

- Кылбай эле койбойсузбу, турганда өзү кылат да.

- Ошо кантип болсун, уктап алышсын, үч бирдей келинди карап отура бермек белем, атаң таң атпай чай ичет чайкор дегеле. - Алмаз унчукпай чыгып кетти.

- Ээ кемпир, буларга сүйлөдүң балээге калдың, сүйлөбөс дудук, көрбөс сокурдай болуп унчукпай отурбасак эми, карыганда балдарга жаман көрүнбөй.

- Сүйлөп эмне кылам оокат-тиричилик ушулардыкы, кылса ана, кылбаса мына, ичээрим бир чыны чай, бир кесе аш экен, - экөө унчукпай отуруп калды.

Тээ түш оогон маалда Аймира турду, балдарын карап, карды ачкан-ачпаганын бир сыйра сурап анан үйгө кирди.

Динара да туруп кир жуумакка камынды.

Эки келин бир-бирине тирелишип кала турган, бүгүн да экөө иштерин жасап калганда Камила келип кызын Ажарга берди да, жумуш жасай баштады.

Динара менен Аймира өзүнчө балдарынын кирин жууп жатып да, Камиланын кыймыл-аракетине көз салып жатышты. Камила кечки тамакты жасамак болуп чоң казанды асып от жакмак болуп жатканда Денис ага отунун алып келип от жагып берди. Муну байкаган Аймира Динарага көзүн ымдай:

- Биздин бала аялын катуу сүйөт окшойт? - деп койду акырын, анткени экөө жакын отуруп жууп жаткан болчу.

- Сүйсө сүйөт, алар азыр жаш, экөөбүз үчтөн балалуу болуп калдык го, мен келгенде Алмаз деле ошентчү.

- Азим от жакмак турсун от алып келип берчи десем өзүң алып ал дечү, ай жеңе, атасынан уялып.

- Баары бирдей боло бермек беле, байкуш аялынын ал-абалын көрүп боору ачып жаткандыр…

- Чыны кыйын экен, мен болсом келбей коймокмун, элге уят болгондон кийин, - Экөө шыбырашып жатып кирин бүтүп коюп анан Динара үйгө кирип кайра чыкты.

- Башым ооруп салмактанып калыптыр, - деп Аруужанды алып отуруп калды. - Эй кыз, апаңды таппай жатасыңбы, ыя?

- Чоочун боло түшүптүр, зорго алып отурам.

- Атам бир жакка кеттиби?

- Жондогу чөптү көргөнү кетти, чабыкка кирип калса чаба коелу деп.

- Чөп чапса жарма жасаш керек да?

- Шашпа, балам, көрүп келсин, чалгы-орогун курчуткуча жасай коесуңар.

- Камиланы сиз тамак жаса дедиңизби?

- Жо-ок өзү эле баланы мага берип коюп эле кыбырап жүрөт, силердин колуңар бошобой жатканын көрдү окшойт.

- Аа-а, - Динара унчукпай калды.

- Атасы акчаны албай койдубу? - Ажар эртеден бери жүрөгүн өйүгөн суроосун берди.

- Жо-ок, качып келди, атасы жокто качып баса берди.

- Оо кокуй күн, бечарага жаман болгон экен, өзүнүн эле атасы бекен, ыя?

- Өзүнүкү эле экен, башка бирөөгө бермек болгондо бул биздин бала менен качып кетиптир, ошого кекетип жатат дейт.

- Куураган киши тура.

- Ар кандай адам бар да, апа.

- Ооба десең, бечаранын жүрөгү ооруп турат го.

- Санаа тартып калды, бир күнү эле ата-бала болуп чыга келет, көрөсүз го. - Динара кайненеси менен сүйлөшүп отуруп, эптеп бөлүнсөк деген оюн айтмак болуп отурган, аңгыча Алмаз менен Калмурат кирип келди.

- Чөп жарап калыптыр, жаныбар суйсалат тим эле, эртең чалгыны кайрап, балка дөөшүнү алып, балдар менен бир паста чаап коелу.

- Жарма алып аласыңарбы?

- Албай анан, ысыкта балдардын жумуру курубайбы?

- Анда жасай коелу, - Динара шыпылдай ордунан туруп кетти.

- Ээ балам, Динара бирдеме айталбай турат да, ушу силер бөлүнөбүз дегени турсаңар керек? - Ажар Алмазды суроолуу карады.

- Жо-ок, ошенттиби?

- Айткан жок, өзү бирдеме айтаарда шынаарлап калчу адаты бар, жакшы билем, он жылдан бери келинимдин сырын билбей анан.

- Мен билбейм, башка сөз айтайын дегендир да.

- Та-аң.

- Бөлүнөбүз десе бөлүнсүн, үч келин бир үйдө батыша албай калышы мүмкүн, жакшы эле жүрүштү, - Калмурат аялына карап ээк какты, Азимди деле бөлүп жиберебиз, үй кенен болсо да, батпай калышы ыктымал.

- Мен бөлүнбөйм, - Алмаз бурк этти. - Каякка бармак элек?

- Аны өзүңөр билесиңер, балким шаарга барып иштейсиңер, чоңурактаарын таштап койгула.

- Айтайынчы Динарага, - Алмаз сыртка чыгып кетти.

- Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт деген сөз бар, алыс болушса сый болушат, балдарды улуулата бөлөлү, кемпир.

- Келиндин кеткиси бар го, балаң деле билет, билмексен болуп атпайбы.

- Бөлүнөм деп айталбай жаткан чыгаар…

- Ким билет, менин оюма койсо дегеле жаныман чыгаргым жок, бир курсакка баткан кургурум ушул бир чоң үйгө кантип батпай калат, ботом?

- Эми өздөрүнчө болгусу келет да, биерде Денистер калат.

- Мейли эми, өздөрү билсинчи, - Ажар алдындагы небересин термете солкулдап койду.

- Кудайга шүгүр, ыймандуу балдарыбыз бар, элдин балдарын көрбөйсүңбү, үйлөнөөрү менен качышат, өмүрлөрү узун болсунчу, - деп койду Калмурат. Аңгыча үч уулу келип улуулата төргө отуруп, келиндери тамагын куюп, алдын ата-энесине берип, анан күйөөлөрүнө сунду. Камила идиштерин көтөрүп келип, кыркаларынан отуруп калды. Динара улуулук кылып алда качан эле кайненесинин жанынан орун алган. Чынында абдан ынтымактуу үйбүлө, баары суктанып калышчу. Ынтымак бар жерде ырыс бар дегендей анча-мынча чукулдаша койгону менен элдин көзүнчө бир-биринин таламын талашып турушат.

Динара жаткандан кийин Алмазга минтти:

- Алмаз, Денис үйлөндү, Азимдер турат, бөлүнүп кетпейлиби?

- Бөлүнгөндө кайда барабыз?

- Кайда барат элең, өмүр бою атаңдарды карап отура берет белек, балдар чоңоюп баратат, шаарга эле иштеп кетип калалы.

- Барганда эле шаарда жумуш даяр туруптурбу?

- Табылат издесең, аракет кылып табабыз да, кызыксың го, тиги Аймира деле бөлүнөбүз дейт. Атамдарды Денистер эле карайт, али өздөрү деле күүлү эмеспи?

- Көрөбүз.

- Көрөбүз дебей атама айт, эртелеп күн жылууда барып, жайланышып алалы.

- Көрөбүз да, уктачы какшай бербей.

- Эгер сен айтпасаң мен айтам, болбосо шаарга иштеп келем өзүм.

- Жиндисиңби, же бирөөгө макулдашып койдуң беле, тез эле кетем деп, оруу-жыйууну бүтүрүп жардам берип коелу, анан деле көрөбүз акылдашып.

- Мейли унутпа, Алмаз, быйыл бөлүнөлү, үч келин болуп топтошуп жүрө бермек белек. "Көп суур ийин казбайт, казса кең казбайт" болбой, өз алдынча жашаганга көнөлү да, атамдарга жүк болбой.

- Эмне сени бирөө жүк болдуң деп жатабы?

- Айтпаса деле уялбайсыңбы, карыгыча чогуу тура беребизби? - Динара күйөөсүнүн кулак-мээсин жеп көндүрүүгө аракет кылып жатты. Алмаз качан гана:

- Кетсек да күздө кетебиз, жыйым-теримди бүтүрүп коелу, - дегенде гана кубанып кетип, кучактап өпкүлөп ийди:

- Алтыным десе, күзгө чейин мен эки жактан сураштыра берейин, ээ?

- Сураштырганда эмне, барганда көрөбүз, унчукпай кое тур, апамдарга деле айтпа өзүм эле чечип коем.

- Ма-акул, жаным, а балдарды кантебиз.

- Чоңураактарын таштайбыз, кичүүсүн алып кетели.

- Бир-эки жыл иштеп алгыча үчөөнү тең таштап койсок кантет?

- Апама кыйын болуп калат го, ансыз да ооруп жүрөт.

- Анда экөөнү биерге, кичинекейди атамдарга таштайлы, Нурсултан деле чоңойуп калбадыбы?

- Аны ошондо көрөбүз, уктайлы эми, эртең чөп чабабыз.

- Эрте туруп мен жарма жасайм, тигил экөө кайдан турмак эле? - Динара дагы унчукпай жатып калды.

Эртеси эрте туруп Динара чоң казанга жарма жасап, сапырып кайнатып коюп, кайната-кайненеси менен кайнилерине эртең мененки тамагын ысытып берди. Алар дасторкондо отурганда Алмаз кирип келди. Эртелеп карындарын кампайтып алышып эки атка учкашып, чалгыларын алып, чоң идиштерге жарма алып жөнөп кетишти. Аймира туруп келип:

- Камила тура элекпи? - деди.

- Эмне кылат элең? - Ажар аны таңдана сурады. - Түндө кызы ыйлап чыкты окшойт.

- Буудай тазалайбыз да, буудайдын кантип тазаланганын көрөйүн деп аткан өзү.

- Ийи, турат да, - деп койду Ажар.

- Келгенине бир жарым жыл болуп калды ошону көрө элек бекен? - Динара сөздү улады.

- Ой үлпүлдөп үйдөн чыкпаса көрбөйт да, мен он беш күндөн кийин эле баарына аралашкам, чынбы, апа? - Аймира кайненесин карап койду.

- Сен эми өз айылыбыздан болуп билинген жок да, а бу байкуштун ата-энеси кыйнап жатпайбы, ага деле кыйын болду арзып-сүйүп келип алса алары жактырбай, - Ажар аны боору ачый жактап сүйлөдү эки келини унчукпай калды, балким алар дагы дилинде абысынын аяп жаткандыр. Ар кимиси өз алдынча ойлонуп отуруп калганда Камила Аруужанды алып кирди. Динара аны ала коюп өпкүлөп калды. Кызы ушундай жакшынакай кыз, көздөрү бакырайып көзгө сүйкүмдүү.

- Ээ кызым, уйку кандыбы, кана-кана мени карап койчу, - деп жерге карап жүткүнгөн Аруужанды эркелетип, анан Ажарга алып барды. - Муну кое берсек баарын чачканы турат, сиз ала туруңуз.

- Ананайын, бопойгон, ушу кимдин кызы экен, садагасы кетейин, Денисимдин кызы экен, - Ажар аны алып эркелетип жатты.

Уул-келиндерин эне бирдей көрөт, бирок ар кандай тарбия алган келиндер өз ойлорун бербей эркиндикти эңсеп, кээде кайненесинин болоор-болбос сөзүнө туруштук бере албай тултуңдап кетишет. Анысын эне байкамаксан болуп коет. Балдары кой оозунан чөп албаган момун, ата-энесин сыйлашат. Кудуң-шудуңу жок. Жашоонун өйдө-ылдый, ачуу-татуусун көрө элек немелер ата-энесинин жанынан чыккысы келбейт. Аял деген баарын эрте түшүнүп, өз алдынча жашоону самагандыктан, эртерээк эле бөлүнсөк деп тынчы кетип жатты. Аймира болсо эптеп эле Алмаздар бөлүнүп кетсе кезек биздики дегендей жымыят.

Жазгы талаачылыкты, күзгү жыйым-теримди үч баласы биригип атасына жардам берип эч кимге көз каранды эмес. Калмурат өзүнчө кудайга тобоо келтирип алат. Өзү эки бир тууган, карыган энеси сексенден ашып калганда Бекболунун колунда кайтыш болгон.. Неберелерин, чөбүрөлөрүн көргөн сайын айланып, кагылып турар эле.

- Кагылайындарым, кудай силерге менин өмүр жашымды берсин, өксүбөй ылайым бакубат жашап өткүлө, айланайындарым, кудай сүйүп узун өмүр берди, эми силердин алдыңарда эле кетсем экен, - Кары тарамыштуу алакандарын жаят, - Ээ жараткан, ушул жашооңо ыраазымын, чүрпөлөрүмө бак-таалай, дөөлөт бере гөр, ушулардан топурак, көз жаш буйруй көр! - деп катар-катар тырыш баскан жүзүнө сыйпап алат.

- Эне, дагы көп жашап жүзгө чыгыңыз, сизди көтөрүп багабыз, балдарыңызга же келиндериңизге же жашооңузга өкүнүчүңүз барбы? - деп кээде Алмаз сурап калганда:

- Жо-ок, каралдым, балдарыма, келиндериме эч кандай өкүнүч, таарынычым жок, адамдын өмүрүндө өмүр бою кетчү өкүнүчү болбой койбойт экен, садага, канча жылдар өтсө да күнү бүгүнкүдөй бир элес калды, түшүм сыяктуу сезилип кетет, - Эне жүлжүйгөн көздөрүн жума отуруп калчу.

- Ал кандай өкүнүч, эне, айтып бербейсизби?

- Ээ, садага кетейин, карыганда мени темтеңдетпечи. - Эне болоор-болбос жылмайып Алмазды башынан сылай мээримдүү карады. - Мен эскирдим, картайдым, балам, көзүмдүн курчу, жүрөктүн жалыны кайтып, өзөктөгү өчпөс дарт алда качан эскирип бүтсө да, көңүлдүн бир бурчунда жүрө берет экен…

- Чоң атамды жакшы көрчү белеңиз, эне?

- Тентек десе, болбогон суроо бересиң да, каралдым, чоң атаң жакшы киши болчу, өмүр бою азап көрсөткөн жок, балдарга ата мурас катары мал-жан, дүнүйө таштап кетти, абдан жакшы адам болчу, - Эне оор үшкүрүнө жанындагы небересин да унутуп койгондой телмирип отурганда Алмаз ага эркелей тизесине жөлөнө калып дагы сурады. Анда ал үйлөнө элек эле.

- Эне, жанагы өкүнүчүңүздү айтып берсеңиз, мен эч кимге айтпайм.

Эне Алмазды бир аз ойлуу карап отурду да, анан:

- Анда мен он үч жашта гана болчумун, ал убакта он үч-он төрт жашка чыкканда эле сөйкө салып, калыңды айдап келип таштап койчу. Менин атам бир айылдын жакшысы, эл билгиси, колунда бар, кадыр-барктуу киши болчу. Мен он үчкө чыкканда эле бир бай элүү кой, он уй, беш жылкы айдап келип таштады… - Эне үшкүрүнүп алды. - Бир билем менден беш-алты жаш улуу, суусар тебетей кийген жигитти жеңем керегеден шыкаалатып: "Кызыке, көрдүңбү тигил сенин күйөөң" дегени эсимде. Жаштыгымдан күйөө деген сөзгө анча түшүнбөсөм да татынакай жигитти көпкө-ө тиктегенмин. Ошондон көп өтпөй эле күйөөлөтүп келишти. Мен жалгыз эрке кыз элем, өзүнчө өргөө көтөрүп, мени үлпүнчөк кийгизип өргөөгө жеңем алып барды. Башымда кундуз тебетей, кызыл баркыттан тигилген чыптама, кош этек шайыдан тигилген көйнөгүм жер чиет, эки бөлүп өрүп койгон чачым этегиме аз гана жетпей турчу. Жеңем мени төргө отургузуп, үлпүнчөктү ачып:

- Кызыке, күйөө бала менен сүйлөшүп тур, мен чай алып келе калайын, - деп сыртка чыгып кетти, мен жүрөгүм дүкүлдөп өйдө карай албай отурганымда:

- Чачыкей, сүйлө, сен эми менин колуктумсуң, - деди үнү калтаарый. - Балким атымды билерсиң, мени Майсалбек дей берсең болот.

- Эмнени сүйлөйм, мен али жашмын да?

- Шарт ошондой экен, эмдиги жылы күздө алып кетем, сен мени сүйөсүңбү?

- Бир эле көргөндөбү? - Мен ага кайра суроо узаттым.

- А мен сени сыртыңан бир көргөндө эле жактырып калгам.

- Билбейм.

- Айтчы, жок дегенде жагамбы?

- Билбейм.

- Эртең тиги коктудан жолугалы, экөөбүз жакшылап сүйлөшөбүз, жеңем келатат окшойт, - деп унчукпай калды.

- Күйөө бала, кызыкемди зериктирген жоксуңбу? - Жеңем дасторконун алып келип жайып, үстүн мейиз-өрүккө толтурду да, экөөбүзгө чай куйду. - Буйруса эртең атам кыз оюн куруп берет экен, бүгүн мал союлуп жатат, күйөөнү коноктогону го?

- Жеңе, кызыңыз өтө эле уяң экен? - Майсалбек жеңеме карай күлө сүйлөдү. -Эртерээк тарбиялап сөз үйрөтүп койсоңуз болмок экен.

- Кызыкемдин Акылкарачачтай акылы бар, көргөндү эс тандыргыдай көркү бар, сүйлөсө сөзү, ырдаса үнү коңгуроодой, бир гана айыбы жаштыгы, - Жеңем шакылдай жооп берди.

- Оо, анда мени сынап жаткан болуп жүрбөсүн?

- Куш кондурдук тууруңа, күйөө бала, куштап алыш өзүңдөн, жаштыгын эске алсаң дейм?

- Кечиресиз, айып менде, кыскасы кастарлап өстүргөн гүлүбүздү соолутпай карап ал дегениңиз го?

- Дал ошондой, күйөө бала, бир үйдүн жалгыз эрке кызы, эгерде жакпай калсаңыз көөнүнө, чечип коеор бир өзү, атасы менен апасы кызыкенин айтканын кылат, абайла күйөө! - деп коюп чыгып кетти, ал бизди ээн-эркин сүйлөшсүн дегени эле.

- Чачыкей, сүйлөй отурсаң, мен дагы бир үйдүн жалгыз уулумун, уксаң керек мунумду, айланчыктап ата-энем, көтөрүп турат көөнүмдү. Ай жаркын сиздей сулуунун жары болсом деп келгем, буйруп койсо насипти, күйөөңүз болуп калсам дейм, - күлмүңдөп карап колумду кармамак болгондо колумду тартып алдым. Жолборстон корккон коендой кылт этсе качканы турам.

- Мен такыр ойлоно элекмин, күйөөдөн көзүм ката элек, кез келип бойго жеткенде табылаар бир күн сиздей бир эркек, - мен ушинткенде намыстана түштү окшойт:

- Текебер окшойсуз, сулуу, жеткирем муну атама, теңсибесең өзүмдү, албай коюп төркүнүңдө карытам, - деп өйдө болуп өргөөдөн чыкмак болгондо ары жактан атам аны чакырып калды. Ал кезде күйөөлөп келген жигитти кайындары оюндагыдай оюн курдуруп, көңүлү ачылсын дечү. Таарынса таарынсын деп мен кенебей, бир жагы атама таарынып ченебей, куш жаздыкка тескери карап жатып алдым. Жеңем келип менин таарынганымды сезип:

- Кызыке көңүлүңдү чөгөрдүбү күйөөжан, жакшы эмес мындай күнү тескери карап жатып алганың. Ырас жаш экениңди билемин, бирок акыл калчап карап көр да көңүлүн алгын күйөөнүн, - деп жаныма отуруп чачымдан сылады. Мен эрээркеп ыйлап ийдим, жеңемди жакшы көрчүмүн:

- Жеңе, атакем менден тажаганбы, неге алдын ала калыңын алды, бир-эки жыл жок дегенде кое турбайт беле, акылга толуп алгыча, эселек эле бойдонмун. Жообуна күйөөнүн тойбодум, балким акыл толо элек эселектигимби, же энемдин койнунан чыга элек эркелигимби? -деп жеңемди кучактап алып ыйласам ал да ыйлады.

- Кызыке, атамдын кадыры бар, ата кадыры менен кыз, соодагер баркы менен бөз өтөт дегендей, атамдын кадыры менен жакшы жер, жаш күйөө балага туш келдиң, жаштыгың болсо керек. Мен деле он төртүмдө сага жеңе болбодумбу, мына төрт балабыз бар жыйырмага араң келдим, - деп сооротуп жатты. Ошол бойдон өргөөдөн чыгып, апамдын жанына келип алдым. Бирок күйөөлөгөн жигит бир ай өргөөдө болуп экөөбүз көнүшүп кеттик. Жүрөгүм аны каалап турганы менен сыр бербейм, ошол жылы дүңгүрөтүп той берип, алып кетмек болуп жатканда кайгылуу кабар келди. Майсалбек аттан жыгылып каза болуптур. - Эне оор үшкүрүп алды. - Садага кетейиним десе, менин жүрөгүмдүн башында көрүнбөй, ачыкка чыкпай өзүм менен кетчү өкүнүчүм ошол!

- Анан чоң атамды кайдан таап алдыңыз эле?

- Суусамыр деген жайлоодо болчубуз, мен он алтыга толуп, анча-мынчаны көзүмө илбей турган кезим. Кайнатамдар дагы ошол жылы Суусамырда жайлап калган экен. Атам менен кайнатам кымыз ичип отуруп, таанышып калып эле мени чоң атаңа алып бермек болуптур. Көп өтпөй эле той түшүрүп алып кетти, жаман болгон жок, эки уулдуу болдук, силерди көрдүм, кудайдын ушунусуна тобоо келтирип жакшы жашоо көрдүм, жакшы өлүм бере гөр деп отурган убагым, - деп эне небересин жылмая карады. - Үйлөнүп калсаң алган жарыңа эч качан жаман айтпа кагылайын, ансыз дагы пенде аманат жашоодо өмүр сүрөт, сыйлашып өткөнгө жетпейт, каралдым…

Алмаз ойлонуп отурду, чоң энесинин көзү өткөнгө үч жылдай болуп калган, Алмаздын эки баласын көрүп өлөөрүндө:

- Балдарым, Алмаздын баласынын ич көйнөгүн бетиме жапкыла, - деген эле ыраматылык. Эми аялынын бөлүнөбүз дегенин ойлоп: "Өз жашообузду өзүбүз көрүшүбүз керек, мен дагы чоң энемдей сүйүүнү барктап өтөмүн, Динара экөөбүз бир-бирибизди сүйөбүз" деп чечти.

Күз келип жыйым-терим бүткөндөй болду, Алмаз атасына эмне деп айтаарын билбей турду. Динара Ажарга айткан болчу, Калмурат да уккан, уулунун бир нерсени айта албай жатканын сезген ал:

- Уулум, шаарга барып иштейин деп жатасыңарбы? - деп сурады озуна.

- Ата, сиз тура көрсөңүз…

- Мен эмне демек элем, балам, барсаңар баргыла, баягы куда албай койгон акча турат, ошону алгыла да барып соода кылгыла, балдарды орун алгыча таштагыла, - деп Калмурат чечип койду. Ажар жууркан төшөк алып алгыла десе болгон жок, ошентип Динаранын ою ордунан чыгып экөө жолго чыгышты. Алар кеткенден кийин Аймира Азимдин кулагын бурамак болду.

- Акемдер бөлүнүп кетти, эми биз деле бөлүнсөк болот да, үйдө Камилалар калат.

- Эмне деп атасың, каякка бөлүнмөк элек? - Адеп укканда Азимдин жини келди.

- Эмне өмүр бою атаң менен жашап жүрө берет белең, биз дагы өзүбүзчө оокат-тирилик кылабызбы?

- Оокатың өтпөй калдыбы? Киймиң бүтүн, кардың ток, балдар багылуу эмнеден кемсиң?

- Азим, илгертен эле бала атадан бөлүнөт, кыз энеден алыстайт, ойлосоң балдар чоңойгуча биз дагы каттоо күтүп, иштеп албасак болбойт. Качанкыга чейин атам менен апамдын көзүн карап жашайбыз, алар ушунча багып чоңойтту, эми өз тиричилигибизди өзүбүз өткөрүшүбүз керек го, көргөндөр айтат да, эмдигиче атасынын мойнуна минип жүрөт деп.

- Эч ким айтпайт, - Азим корс эте басып кетти. Аймира унчукпай калды. Эки баласы чоңоюп калды. Акыры көнөт да дегендей тим болду.

Камила эшикте жүргөн, телефону жаны тынбай чырылдап жатканынан Денис алып, кулагына тутуп, демин ичине кысып калды.

- Алло, Камила угуп жатасыңбы, апаң катуу ооруп атат, тезинен келип кал, менден кечип кетсең да, апаңдан кече албайсың, тез келип кал! - Денис унчуккан жок, тү-үт, тү-үт деп атса да кулагына такап алып, ойлуу тура берди: "Дагы эмнени ойлоп тапты экен, дагы бир балээни баштап жүрбөсүн, Камилага айтпай эле койсомбу? Чын эле ооруп жатсачы, анда мени кечирбейт го, билип туруп айтпай койсом" деген түркүн санаада турганда:

- Эмне атам чалдыбы? - деди кызын көтөрүп кирген Камила.

- Ооба.

- Эмне дейт?

- Апам ооруп жатыптыр.

- Эмне болуп?

- Анысын айткан жок, келип кал деди го?

- Берчи өзүм чалып көрөйүн, - Камила телефонду басып тыңшап калды. - Алло, ата, апамдын эмнеси ооруп атат, качан, каерде жатат? Макул-макул барып калабыз, эмнеге. Денис барса эмне болот эле? - Камила андан ары уккусу келбей өчүрүп койду.

- Эмне дейт?

- Кызыңды алып өзүң кел дейт.

- Мен барсам болбойт бекен?

- Билбейм ай, ушул атамдын кыял-жоругуна түшүнбөй калдым, - Камила унчукпай кызын кучактап отуруп калды, Аруужан жүгүрүп жүрөт, тили аздан чыга баштаган.

- Апа-апа, - деп эркелегенде сиркеси суу көтөрбөй акырын түртүп койду:

- Турчу, атаңа бар.

- Камила, Аруужанды таштап эле бар анда, балким дагы бир нерсени ойлоп тапкан болсо дагы…

- Мен да ошону ойлоп жатам, апамды шылтоо кылып, бирдемени чыгарганы турат.

- Качан жөнөйсүң?

- Эртең эле жөнөйүн, адегенде таенемдердикине барып билем да калп болсо баса берем.

- Таенеңдин телефону болсо сурап билмек экенбиз.

- Бар, бирок унутуп калдым.

- Мейли, анда барып кел, - Денис ата-энесине айтканы чыгып кетти. Камила кызын алып баруудан коркуп турду: "Эмне кылам, ата-энем бар туруп жетим болуп калдым, өз атам өзүмө душман болду, эмнеге мындай болуп жаралдым экен, дагы кандай шумдук болуп кетээр экен? "Кызыңды ала кел" дегенинде кеп бар, дагы акча бербесең кызыңды өлтүрөм деп алып калганы жатабы?" деп ойлонуп алды да, апасын эстегенде эртең эле жөнөгүсү келип турду. Денис кайра кирип келди.

- Камила, эртең бара берсең болот, баарын даярдап койдум, эртерээк чыксаң кайра келип каласың, эгер бирдеме болсо мага чалып кой.

- Макул, Денис, Аруужанды ыйлатпа, ээ?

- Ыйлатпайм.

- Эгер атамдар мени жибербей койсо кантем?

- Кала бересиң, кайнатам өз кызын алса мен өз кызымды алып калбадымбы?

- Койчу, Денис, чыныңды айтсаң, мени жибербей коюшса издеп барасыңбы, бизди бөлөбүз дегендерге туруштук берем дебедиң беле?

- Атаң киргизбей жолдон кууп жатса эмне кылам, кызым сенин көчүрмөң жетет мага.

- Сенин мени сүйгөнүң жалган го?

- Чын болгондо кантем, канча аракет кылдым, токмок да жедим.

- Мен сени, кызымды сагынып куса болом го, Денис.

- Биз дагы сагынабыз, сен да эрте келүүгө аракет кыл.

- Оюма койсо барып эле кайра келет элем, баргым келбей турат, апамды гана аяп жатам, - Камила ыйлагысы келип көпкө отурду. Денис аны жубатып, Камила жанында тепилдеп ойноп жаткан көпөлөктөй кызынын элесин карегине катып алгысы келгендей телмирип андан көзүн албайт. "Кудай, ай жакшы күнгө жетээр бекенмин, Денис менен кызымдын жанында тынч жашай турган күнүм болобу, атам неге мага ушинтип эле калды, же мени жаман көрчү окшойт, жаман көрбөсө минтпейт эле" деп ойлонуп атты.

.. . . . . … …. … …. … …. .

Ошентип Самат менен жакшы болуп кетишти. Күндө кечинде Нурмира менен Миргүл отурганда Самат келип калат, ал келген сайын экиден арпа ичет, тигилерге бир бөтөлкө арак алып келип берет. Ошентип үчөө бака-шака болуп сүйлөшүп отурушуп келген клиенттерди да тейлешет. Көп ичкен Дуулат аттуу жаш жигит бар, кийинки кездерде аларды аңдый баштады, анткени ал келгенде дайым жүз граммдан берип коюшчу. Көбүнчө карыз сурайт. Бир күнү ичпей эле отурушкан. Дуулат коркок балача кирип, тартынып туруп калды:

- Дуулат, карызды алып келдиңби? - деди Нурмира.

- Эже, берем, берем, дагы бир читок берип турбайсызбы? - деп калды.

- Жок, бере албайм, экинчи карыз бербейм сага, алганың качан, алганды билесиң да бергенди билбейсиң.

- Эже, эми берип турсаңыз, бир эле читок…

- Жок дедимби, жок!

- Эже…

- Сүйлөбө дейм, акчаны алып кел!

- Эже, берем да, эми.

- Берем да деп, тим эле карасаң, ичип алгандан кийин бергиси келбей калышат, балекет-садагаң кеткир десе, - Нурмира ачуулана булкулдай кетти, ошол убакта Саадат менен Самат келип калды.

- Бу чоң кыздын ачуусу келип калган го? - Самат күлө кол сунду. - Кандайсыңар?

- Майга бышкан нандай, анан калса тандырга жапкандай, - Нурмира дагы күлө алар менен учурашып калды.

- Кандайсыңар? - Саадат андан кийин учурашты, бир аз өзүн көтөрүңкүдөй көрсөтүп туруп калды, анткенинин себеби Нурмиранын күйөөсү бар, Миргүлдүн күйөөсү жок, Саматты кызгангандай түрү бар. Миргүлгө кырын сала бош учурашты, Нурмирага жакшы жалпаңдап, ал-абалын сурап дегеле болбой калды, себеби андан карыз-куруз ала коет эмеспи.

- Кандай, Нурмира эже, бүгүн бир эс алалы деп келип калдык, бирдемеңизден бериңиз эми.

- Силерге эми кандайы жагат? - Самат ойлонуп, тизилип турган бөтөлкөлөрдү карап калганда Миргүл тамашалай кетти:

- Дагы жаңы жыл болуп калыптыр, тобоо ошондон бери бир жыл өткөнүн байкабай калыптырбыз, алып берсең тиги койкойгон шпильканы алып бер!

- Чын эле, ушуну ал, - Нурмира шпилька арагын кармалап калды.

- Ошол мага да жагып калган, билесиңби, Самат, баягыда кудагый да шпилька бузуп берген, таза арак экен.

- Мейли, кыздар, шпилканы кийет, чачына тагат, эми ичип койгулачы, келе ошонуңду бер, - Самат андан аракты алып, оозун ача баштады, - Стакан бербейсиңби?

- Жазайынбы? - Нурмира Саматты карап, стакандарды берип жатып сурады.

- Ой эне, жазасың да азыр эчтеке жок!

- Биз тирүү турсак беребиз, эже, Сакем аман болсо беребиз, - Самат Нурмираны эжекелей күлө карап сүйлөп жатты, ал өзү чындап эле алардан беш-алты жаш кичүү болчу.

- Өзүңө пиво берейинби же бизди карап отурасыңбы? - Нурмира Саматты карады.

- Бересиң да, бербесең суусап өлбөйүнбү? - деген Саматка пивону берди эле, ал тиши менен ачып алды. Нурмира закускага конфет менен курут койду, аңгыча кызы келип:

- Тамак ичсин деп атат, - деди.

- Мен клиенттерди таштап бара албайм, биерге алып келип бергиле.

- Баягы эле алкаштарбы?

- Эй кыз, эмне деп жатасың? - Нурмира ачуулана кетти.

- Анан эмне күндө эле ичип атасың?

- Бекер арак ичип атам, сыйласа ичпейинби? - Нурмира беркилерди карап көз кысып койду.

- Ай, чоң кыз, биз алкаш эмеспиз, башыңа келгенде билип аласың, азыр жашсың да, - Саадат актана кетти. - Бизде да бала бар, баарын чоңойтуп коюп анан ичип атабыз.

Нурмиранын кызы тултуңдай чыгып кетти. Үчөө улам бир тост айтып ичип жатканда Бермет табака оромо алып келди, аны ортого коюп кесип койду. Ичи ачышкан эмелер оромодон алып анан Миргүл сүйлөдү:

- Эмесе, мен ушул аракты алып жаткан эрди-катынга… - дегенде Саадат сөзүн бөлүп жиберди:

- Эже, эрди-катын дебей жубайлар десеңиз боло, биз али жапжаш элебиз, - күлүп калды. - Туурабы, Самат?

- Баары бир да, энең, сүйлөтпөй койдуң да.

- Кечирип коюңуз, Миргүл эже, бирок жымсалыраак айтсаңыз.

- Анда мындай, - Миргүл үнүн жасай, - ушул эки кыз-жигитке денсоолук, узун өмүр, бакыт-таалай каалоо менен бирге келгендердин "сыйына" татып арак өндүрүп турууга Нурмира экөөбүз аман бололу, кана эмесе алып койгула! - Үчөө алып ийишти. Ичкенге келгенде да Саадаттын алдыга киши чыгарбасы белгилүү болду. Көздү жумуп туруп алып ийди эле Нурмира менен Миргүл бири-бирин карап калышты. Мурун өздөрү кызуу болгондуктан, аны байкашкан эмес. Андан кийин "менден-сенден" болуп отуруп үч бөтөлкө ичилип Миргүл ырдап кирди. Анан Саадат ырдады, Нурмира кошулуп дүкөн ичинде отуруш уланды. Самат өзү эле эки-үч бөтөлкө пивону ичип койду. Түнкү он бирлерде үйлөрүнө тарап, Миргүлдү Нурмира алып калды:

- Миргүл, токто, мен сеникине барып жатам, бир читок алып алайынбы?

- Үйдөгүлөр көрсө…

- Коркпо эбин табабыз.

- Анда ала бер, - Миргүл дүкөндөн чыга берди, Нурмира анын артынан читокту койнуна салып алып, эшигин бекитти да, экөө ээрчишип жөнөдү. Алар келгенде Айдана менен Сажира уктай элек болчу. Айдана аларды көрүп эле:

- Ушу силер жаман жинге тийдиңер да, дагы тоюп алдыңарбы? - деди жиндене.

- Ичкенде силерге зыяныбыз тийип жатабы, же эмне акчаңар кетип жатабы? - Миргүл күнөөлүүдөй отуруп калды. - Ичип көчөдө жатып алган жокмун го?

- Жолго жатып калганча ичкиң келсе анда көчөгө чыгып кет, биздин сөзүбүз жакпай калса каалаганыңды кылчы, - Айдана ары карап жатып алды.

- Эй, булардын сөзүнө капаланбай эле кой, - деп Миргүлдү акырын нукуган Нурмира аракты көрсөтө стакан алып кел дегендей ымдады.

Миргүл кыздарын карады да, суу издегендей идиштерин калдыратып эки чыны алып келди.

- Жатпайсыңарбы эми, - Айдана бурк этти.

- Азыр жатабыз да, суу алып келген жок белеңер?

- Турбайбы, көзүңөр көрбөйт да.

- Көрдүм, менин сууну көп ичээримди билбейсиңби? - Миргүл ушинтти да, чай ичкен столдун астына бекитип куюп берген аракты алып ийди. Экөө дагы бирден алып ийди да, салынуу орунга барып жатып калышты. Түндөсү Нурмира туруп, дагы бирди жутуп алып, кайра жатып алды. Башы ооруп калган Миргүл эртеси сулк эле жатып калды. Нурмира эрте туруп, үйүнө кетти. Аны качан ачат деп карап жаткан Миргүл уктап калган экен бир кезде Нурмиранын небереси чакырып келип калды. Араң эле туруп дүкөндү көздөй жөнөдү. Ал келсе кечээги эле Самат менен Саадат, анан дагы Сейит деген айдоочу отуруптур. Алдыларында дагы деле баягы бөтөлкө.

- Кайда жүрөсүң, эртеден бери канча арактар кетти, куру калдың, - деп кирери менен Нурмира күлдү.

- Өлөйүн деп турам ай, ичпейм көрөйүн деген көзүм жок.

- Оңолуп каласың, ичкендин эртеси баш жазсаң жакшы болуп каласың, - Сейит сөзгө кошулду. Ошол убакта бир келин келип калды. Гүлзананы баары таанышат, аны көрөөрү менен Миргүл:

- Гүлзана кайнатаң аял алдыбы? - деди тамашалай.

- Ой, эже, алган, бирок кетип калбадыбы, сиз болбой койдуңуз го?

- Мен өз баам эки жылкы дедим, бирин алып таштап, эжелесең көнөт элем да, - күлүп калды.

- Кымбат айтсаңыз корктук да, - Гүлзана да күлүмсүрөй карады. - Ансыз деле ошончо кетип калды.

- Азыр жаш келиндерден карыган аялдар кымбат турат, эмне дегенде таза, көп жүрбөйт, ооруп калам деп коркпойт, - Миргүл колундагы стаканды алып ийди да, оозун басып отуруп калды.

- Ох, туура айтат, чоң аялдар моссоветке бара албайт, барса дагы эч ким карабайт, жалаң он төрт жашар кыздар жүрсө аларды эмне кылсын? - Сейит аржактап күлүп калды.

- Чоң аялдардын мезгили башка болчу, уят, намыс деген күчтүү болчу, анан дагы элдин пейили жакшы болчу, акчанын берекеси бар болчу. "Улуу Ленин атабыз" деп ырдап жүрүп бейпил турмушту кечирдик. Анда эл башчы деген элди ойлоп, мамлекет үчүн иштечү, азыр ар ким өзү үчүн иштеп калбадыбы?

- Туура, азыр элди ойлогон эч ким жок, өлсөң да өз арбайыңды сого бер деген мезгил болуп калды.

Ар кимиси ар кайсыны айтып жатып улам ичип коюп, бүгүн дагы кызуу болуп калышты. Ошол убакта Нурмиранын кызы келип:

- Ийи, дагы ичип отурасыңар, сен, апа, мындан кийин дүкөндү ачпай эле койчу, ээ? -деп коюп кайра чыгып баратып: - Биз Марияныкына кеттик, - деп чыгып кетти.

- Өлүңдү көрөйүн десе, ушулардыкы өттү, ичпе деген сайын ичем, шашпагыла, - Нурмира жартысынан турган бөтөлкөнү алып стаканга куйду да. - Ал, ушулардан коркуп жүрүп өтүп кетмек белек, - деди да, жутуп ийди.

- Койсоңчу ай, эми келсе экөөбүзгө бирди көрсөтүп жүрбөсүн? - Миргүл саксактай сүйлөдү.

- Эчтеке кылбайт, мага ичпе деген сайын өчөшүп ичем, тим кой! - деп болбой койду. Ошентип отуруп Миргүл кетип калды. Түн кирип жатмак болуп төшөк салып Айдана менен Сажира жатып алган. Миргүл кино көрүп отурган эле, эшик ачылып Аселкан кирип келди, бир топ кызуу жана конокко кетип жаткан, ичип алганы көрүнүп турду.

- Жүрүңүз, Миргүл эже, - деп кирип эле ага албууттана кетти. - Керээли кечке ичесиңер, кимдин акчасы кетип жатат ишиңер да жок, мен талаадан таап келген жокмун, балдарымды багайын деп жанталашып жүрөм.

- Асел, айланайын, кой эми, мен барганда эмне, - Миргүл тарткынчыктай калды.

- Жок, барасыз, азыр мен да ичем, ушу силер менен ичем мен азыр, - деп Миргүлдү колдон алды. - Басыңыз азыр, Нурмира менен Көкөңөр да турат. Миргүл аргасы жок, кыздарындай болгон неме менен айтышпайын деп кошо жөнөдү. Артына кайрылган Аселкан бир убакта Айдана менен Сажиранын үстүндөгү төшөктү сыйрып: - Силер тынч уктап жаткыла, мен булардын азабын тартайын, жүргүлө силер дагы, арак ичебиз, - деп тарткылаганда Айдана күлүп туруп калды.

- Койчу эй, Аселкан, ичсе өздөрү жооп берет да, мага эмне бар, алып кете бер апамды, - десе болбой сүйрөгөндө туруп экөө тең караңгыга чыгып качып кетишти. Миргүл дүкөнгө кетип баратса жолдо Аселкандын күйөөсү Нурлан туруптур. Асел ага:

- Бар, Миргүл эжеңдин кыздарын алып кел! - деди эле ал короого кирип кетсе кайра, - Нурлан, эмне жоголдуң, ошолорго кирип ал! - деп бакырса болобу. Миргүл анча деле кызуу эмес болчу, баарын билип, көрүп теңелгиси да келбеди. Алар келсе Нурмира менен Көкө унчукпай отурган экен. Дүкөндүн ичи чачылган, бир убакта Аселкан:

- Керекпи ме? - деп кудай бетин салбасын арак менен пивонү дүкөндүн ичине чачып, бөтөлкөлөрдү сындыра баштады. Нурмира унчукпай отурат. Бир маалда Аселкан алаксып калды эле Миргүл качып кетти. Батирине келип жатканы калды эле кайра артынан Аселкан келиптир, ортодон жарым саат убакыт өткөн эле.

- Эмнеге баса бердиңиз, досуңуз чакырып жатат, өлсөңөр да бөлүнбөй калдыңар го? - деп дагы колунан тартты.

- Аселкан, койчу эми, мен барбай эле коеюн, - дегенине карабай алып келди. Нурмира эшиктин алдындагы керебетте жаткан экен. Көкө болсо отурат, Аселкан сүйлөп жатат, эч кимиси унчукпады.

- Болду да эми, - Көкө булдуруктай колун шилтеди.

- Ооба, күйгүздүңөр мени, чычып-сийгиче иче бергиле!

- Эй кыз, Миргүлгө тийишпе, ага сөзүң тийбесин, - деп көзүн жумуп жаткан Нурмира айтканда:

- Массың, кулагың угуп, баарын түшүнүп турасың, карасаң буларды! Мен балдарымды багамбы же силер ичип түгөтө бересиңерби? - Аселкан ушинтти да үйүнө кирип кеткен бойдон чыкпады. Миргүл бир аз отуруп чыгып кетти. Ичкени ирим болуп Нурмира балдарынан мындай сөз угам деп ойлогон эмес. Баланы багып чоңойтуп жатканда эне-ата кандай гана асыл-тилектерди тилебейт, ой күлүк деп нелерди гана ойлобойт. Миргүл батирине келатып ойлонуп алды: "Өмүрүндө жакшы жашоо көрбөй, атасы ичип жүрүп чоңойгон балдар жакшы жашоого жеткенде опурталдуу. Көрбөй жүрүп көргөн пендеден түңүл деген ушу да" деп келип жатып калды. Ошондон кийин Миргүл дүкөнгө барбай калды. Барса да Аселкан жокто баса берет. Нурмира дүкөндөн көрүнбөй калды. Бир күнү ага Самат келиптир:

- Жүрбөйсүңбү, Нурмира чакырып атат.

- Барбайм, кызы көрсө урушат.

- Карап туруптурбу?

- Баары бир барбайм.

- Бол эй, пиво ичесиңби?

- Алып берсең ичем, - Миргүл күлүп калды. - Бекер кепин табылса өлмөк бар дегенди билесиңби?

- Алып берем.

Бул жолу алар мончого барышты. Үчөө мончого келсе мончодон жаңы чыгып келаткан бири кичине бойлуу, бири жоон курсактуу кишилер экен. Курсактуусу мончонун ээсине карады:

- Чоң кыз, муздак сууңдан берчи, сен жүздү алып коесуңбу? - деп жанындагысына кайрылды.

- Мейли, - деди анысы.

Аларды карап турган Нурмира:

- Жаныңарда кыздар турат, сыйлап койгонго жарабайсыз да, биз кыз кезде сиз жигит эмес белеңиз, - деп калды.

- Ой-ой, кыздар, кечиресиздер, байкабай калыптырмын, кана суусунанбы, ачуусунанбы же таттуусунанбы?

- Байкабай калгыдай мажирөө деле эмеспиз, үчөөбүз тең жашырынган жерден да көрүнүп калчуларданбыз, - Миргүл Саматты кошо айтты.

- Ырас эле тең курдуу экенбиз, мен жигит кезде силер солкулдаган гана кыз болсоңор керек? -деп тиги култуңдай сүйлөдү, өзү да тамашакөй неме болсо керек. - Кел, чоң кыз, ушу кыздарга бир бөтөлкө берчи, - деди да өзүн тааныштыра кетти. - Менин атым Олжобай 155-маршуртканы айдайм, керек болсо тоого да алып барып келем, бойдок болсоңор андан да жакшы, мына бул тагам, - ал жанындагысын көрсөттү. - Аты Малдыбай, эки жакка барса издегени кыз-келин.

- Менин атым Нурмира, бул болсо Миргүл, бул болсо менин экинчи күйөөм Самат, - Нурмира тамашалап күлүп койду.

- Кудай уу-ур, экинчи күйөөм дейсиңби?

- Ооба, анын эки күйөөсү бар, законный, анан незаконный, а мен байкушта бирөө да жок, - Миргүл атайын ошентип Нурмира экөө чукулашып койду. - Күйөө келсе кыз даяр дегенди билесизби?

- Билбей анан, жактыңыз бизге, азыр алып кетсек да болчудай, - деп Олжобай арак куюп сунуп жатып сүйлөгөндө Нурмира:

- Бойдок экениңди айтпай турбайт белең, үчүнчү күйөө кылып алсамбы деп турса… - дегенде баары күлүп калды. Шарактап атып аларга рахмат айтып коштошушту. Самат аңгыча бошогон мончого акчасын төлөп, кирип баратканда Нурмира:

- Эй, эмне мени ала кирбей баратасың, экинчи күйөөм деп койсом таарынып калдыңбы, артыңды жышып берем, эй, - деди күлө.

- Эмкиде макулбу? - Самат жылмая кирип кетти.

- Өлүгүңдү көрөйүн, тим эле каадаланып калат, ага эле бирөө жармашып жаткансып, - деп Нурмира мурдун чүйрүп койду, калган аракты да Миргүл экөө ичип алды.

- Эми экөөбүздү да Аселкан өлтүрөт, үйгө барып кал.

- Балакетимди алсын өлүгүңдү көрөйүн, колунан эмне келет экен, - деп койду Нурмира.

- Ошентсе да алардан айбыгып коюш керек.

- Сен айбык, сен корк, мен коркпойм, - деп экөө сүйлөшүп отурганда:

- Мончо бошоду, киресиздерби? - деп калды мончо ээси. Миргүл аларды тагам дечү, чынында таякеси болчу, Нурмира экөө ага да "жазып кой" дешип далай карызы бар.

- Кирбей анан киребиз, - Экөө ээрчише мончого кирип баратып, дагы бир читок алып алышты. Мончодон чыккандан кийин үчөө ээрчишип жогору жак менен Миргүлдүн үйүнө жөнөштү. Саматка жаздырып бир бөтөлкө алып алышкан. Нурмира балдарына көрүнбөштүн амалын кылып, атайын башка жолго салганы эле. Ал күнү да кечке ичишти да, эртеси экөө ээрчише подружкасы Айжандын үйүнө жөнөштү. Миргүлдүн жанында финкага төгөм деген акчасы бар эле, жолдон дагы арак менен колбаса, нан, майда-чүйдө алып алышты.

- Ой, өлүгүңдү көрөйүн десе, качан болсо мас келесиңер, - Айжан көрөөрү менен ушинтти, анткени ал бир жолу ичип алып мас болуп билбей калгандан кийин ичкенин коюп койгон.

- Масты үйүңө киргизбесең кете беребиз.

- Өзүң ичпей калсаң эле укмуш болуп калдыңбы? - Алар ага тийише вагонго киришти. Ал вагондо турчу.

- Тамашалап койдум ай, силерди киргизбегенде кимди киргизем, - Айжан кайра күнөөлүүдөй дасторконун жайып, чай койду. - Капа болбойсуңар эми наным да катып калыптыр, дүкөндөн алыспыз.

- Нан бар, колбаса да бар, коркпо иче турган арагыбыз дагы бар, кароче сени кыйнабайбыз! -Миргүл пакетин ага карай жылдырды.

- Эй, сен эмне эле деловой болуп жатасың, андан көрө айтчы өткөндө түрккө тиймек болуптур деп уктум эле, эмне болду? - Нурмира андан сурап калды.

- Өлүп кетсин ай, ал мени үйүнө алып барып эле мал бактырмак болгон экен да, аялым жок, мага тий дейт, балдарымдын үчөөнө айына беш жүз доллардан салып турам деп коет дагы.

- Тие бербейт белең, "эки досум бар, аларга дагы саласың" десең болмок, - Миргүл каткырып калды. - Ай, мен көрбөй калыптырмын да, сени сатып иймек экемин.

- Ой, ал дале келген сайын айтып жатат, түйшүкчүл жакшы аял экенсиң, мага да сендей аял керек деп.

- Алып барып сени бир түрктүн ашканасына манты кылып сатып ийсин.

- Ошондон корком, өзү чириген бай экен, келген сайын бир орус аял менен келет, өлүгүңдү көрөйүн, - үчөө аркы-беркини айтып, сүйлөшүп отурушту. Миргүлдүн телефону чырылдап кыздары чалат, ал албай өчүрүп коюп жатты. Аерде үч күн көздөрү ачылбай ичип жатышты. Миргүлдүн эки миң эле акчасы калды. Айжандын келини аларды сүйбөй калганы белгилүү болду, ошон үчүн төртүнчү күнү аерден чыгып Саматтардын батирине келишти. Ал үйүндө экен:

- Дардайбай кара жерге кир, кана Саадат?

- Ал жумушта, кел-келгиле.

- Келдик, биз качып жүрөбүз.

- Уккам, силерди сураганынан билбейм дегем.

- Билсең кармап берет белең, ыя?

- Жок ай, эмнеге кармап берем, айтмак деле эмесмин, - Самат күшүлдөй туруп, чай алып келди.

- Биз чай-пай ичпейбиз, берсең бирдеме бер! - Нурмира Миргүлгө көз кысып койду. - Туурабы, Миргүл?

- Туура, чай өтпөйт.

- Желмогуздар экенсиңер го? - Самат сыртка чыгып кетип, бир топто кайра келди, пакетке эки бөтөлкө пиво, бир арак алып келген экен. Үчөө отуруп алып ичип да, сүйлөшүп да атты.

- Самат, туура кылдыкпы ыя? Бизди эмнеге урушат, аларды чоңойтуп койгонубуз күнөөбү, аныкын ичкен жокпуз, сен алып бересиң, дагы тааныштар алып берет, сыйлап жатса ичпей коет белек. Бул деле убактылуу нерсе, көп болсо беш-алты жыл ичээрбиз, андан кийин силер деле өз-өзүңөрчө кетип, биз үй күчүк болуп отуруп калабыз да, ошону кандай түшүнүшпөйт? - Нурмира ыйлап калды. - Мен ушуларды чоңойтом деп эмне күндү көрбөдүм, Көкөндү көрүп жатасыңар башынан эле ичет, ичип жүрүп үй-жай дегенди оңдомок турсун баарын сатып бүттү.

- Кой ыйлаба, ыйлагандан не пайда, андан көрө алардын сөзүнө таарынбай жүрө бер.

- Ошо да, экөөбүздүн таарынганыбызды билбей ичип жүрүшөт алкаштар деп сеники да, меники да боктоп жаткандыр? - Миргүл аны карап ойлуу сүйлөдү. - Сен экөөбүздү алар өлгөндө гана түшүнүшөт.

- Өлүп кетсин, өлүгүңдү көрөйүндөр, - Нурмира бет аарчыга мурунун сүртүп алды. - Мен өлсөм ыйлабай эле коюшсун, - деп алды.

- Ансыз деле эки-үч күндөн кийин унутуп: "Ичип жүрүп тажатты эле, ырас болду" дешет го?

- Койгулачы, тим эле сүйлөй бересиңер да, адегенде өлүп көргүлөчү? - Самат күлүп калды. - Сынап өлүмүш болуп көрбөйсүңөрбү?

- Ысыгында көмөлү деп көмүп койсо эмне кылабыз?

- Ошентет, өлүгүңдү көрөйүндөр, кутула албай жатпайбы ансыз деле, - Нурмира өтө кызуу болуп калып уктамак болду, жаздык коюп төшөк салып бермек болду Самат. Миргүл үч-төрт күндөн бери ичип, жүрөгү ооруп калгандыктан, коркуп аздан алып атып кызып калган, эшикке чыккысы келип акырын босогого келди. Саматтын батиринен дүкөн көрүнүп турчу, өзүнүн батири да көрүнөт, бир топко карап турса күйөө баласы эки баласын ээрчитип чыкканын көрүп туруп калды. Ал күнү аерде болуп эртеси Самат менен ээрчишип ооруканага жөнөштү. Экинчи кабатка көтөрүлүп Саадаттын кабинетине киришсе ал кийим-кече менен, шейшептерди бүктөп жаткан экен. Каалга ачылып, адегенде Самат көрүндү, анан Миргүл, унчукпай туруп калды эле Саадат:

- Тынччылыкпы, силерге эмне болду? - деп чочулай карады.

- Саадат, эмне кылсаң ошо кыл, биз эки күндөн бери Самат менен болдук! - Нурмира кенебей ушинтти эле, Саадат күлүп ийди.

- Ошол элеби, андай болсо жакшы болуптур, жүргүлө тиякка, - деп аларды Саадат оорукананын ашканасына ээрчитип жөнөдү. Отургандан кийин түшкү тамак убагы болуп калыптыр, ортого тамак алып келип койду. Тигилер өздөрү алып келген арагын чыгарды. Ошентип аерден да уланды, бакылдашып отурганда Саадаттын куда-кудагыйы келип калды. Ачык-айрым кудагыйы бар экен, чогуу отуруп ичишти. Нурмира акырын Миргүлгө шыбырады:

- Биз эле эмvес эл деле ичет экен го, анан эмне бизди урушушат?

- Унчукпа, - Миргүл аны тыйып койду. Андан кийин чогуу сыртка чыгып, оорукананын тушундагы бакка барышты да, аерден улантып бак ичин жаңырта ырдап жатышты. Кудагыйы Таалайгүл да кызыгандан кийин ачылып-чачылып сүйлөп жатты:

- Кудагый-куданын силердей теңтуштарын сыйлабаганда кимди сыйлайбыз, тур бирдеке алып кел, - деп күйөөсүн жумшады.

- Менде эчтеке жок, - ал тайсалдай калды эле, кызып калган Миргүл миң сомун берди:

- Алып келе бергиле меники кайсы, силердики кайсы мындан кийин жакшы тааныш болуп жүрөлү.

- Ай-ий уят кылдыңар, биздин айылга да келерсиңер, ошондо сыйлап алабыз, үйгө келгиле сөзсүз, - деп Таалайгүл ыңгайсыздана калды.

- Ээ, эчтеке эмес, биз турганда кам санабагыла, бүгүн менде болсо эртең силерде болот. Аңгыча Самат пакет көтөрүп келип калды, анын курсагы салаңдап турчу, тамашалап калганда: "Тогуз айлык баламды козгоп коесуңар, тийишпегиле" деп калат.

- Балаң козголгон жокпу, Самат? - Миргүл өлө албай жатып дагы ага тийише сүйлөдү.

- Жок ай, козголбой калсын, - Самат күлө жооп берди, ал пиво ичкенге беркилерден караганда соо болчу. Кийинки аракты ичишкенден кийин баары мас болуп калды. Самат такси чакырып, аларды батирине алып келди. Миргүл ичкенден кийин тынчы жок, таксиден түшпөйм деп аябай кыйнап, жетип келгенден кийин дагы уктабай сүйлөй берди. Нурмира жатып алса аны жулмалап, чымчып:

- Тур, тур, эй кетебиз үйгө, жинди, - дегенде Самат ага:

- Тим кой байкушту, уктап эс алсын, андан көрө өзүң деле эс алсаң, - деди.

- Ыя, мен… мен эс алайынбы, бу шишик, челек уктай береби, тур эй, жинди, бочка, шишик! - деп апчылап жатса да ал козголбоду. Самат Миргүлдү анын жанына жаткырды да, үстүн жаап койду.

Эртеси Саадат жумуштан келип тамак жасап, Саматты дүкөнгө жөнөттү, бир аздан кийин ал дагы көтөрүнүп жетип келди, ал күнү дагы кечке ичишти. Ичкилик ичип оңой эле бузулуп кетишин алар ошол бир жуманын ичинде түшүнүп, өздөрүнө келүүгө токтонушту. Дагы үч күн аерде болуп, анан үйгө кетишти. Убакыт дегениң кээ адамга табылбаган нерсе, кээ адам кылаарга иши жок. Булар да балдарына өчөшүп ичип алып, алтындай убакыттарын ичип-жеп өткөрүп жатышты. Нурмира кайрадан магазинге отуруп калды, Миргүл батирин которуп, башка жакка көчүп кетип, алардын ордуна Саматтар көчүп келди. Миргүл эми анда-санда гана келет, кашайып ал келгенде эле ичкилик башталып, кача албай кошулуп кетет. Дагы бир күнү Нурмира:

- Ушулардан келгенден көрдүм, тажадым мен эми өлөм, муунуп өлбөсөмбү, - деп ыйлап калды.

- Койсоңчу өлөм дегениңди кой, балдардын кайсы кылыгына таарынабыз, мени деле урушуп атышат.

- Өлүп кетсин, мен ушулар деп өмүр бою бир алкаш менен чыдап жашап келсем, булар менин бир-эки ичкенимди көрүп алышат, көрдүң го, эже, - Нурмира күндө жанында отурчу Райла эжени карады. - Канчадан бери эле ичкен жокмун, жиниме тийсе ичем да?

- Ооба, ичпей эле жакшынакай жүрбөдүңбү, бала да өчөшүп эмне кыласың, эсиң бар келинсиң баарын ичиңе сыйдыр. Адамдын ичине чара баштуу адам батат, анан бул майда-барат эмне болуп калыптыр?

- Ошону айтсаңыз, кимдин баласы эле кыйратып атат дейсиң, бар дечи эми, беш кол бирдей эмес, ата-эне дегениң баарына чыдайт тура.

- Жоок, Миргүл, мен баары бир өлөм, муунуп өлбөсөм элеби? - Нурмира болбой эле ыйлап атып, ары жактан арак алып эки идишке куйду да, - Бол, алып ийели, тиги Айнур шүмшүк келет азыр, ал мени камынып тур алып кетем деп чалган, - деди.

- Нурмира, мен ичпей эле коеюнчу?

- Эмнеге ичпейт экенсиң, ал азыр өлө элегиңде, ушуну менен көрүшөбүзбү же көрүшпөйбүзбү.. .

Ошол убакта Айнур келип калды:

- Ийи, эмне болуп атат биерде?

- Эчтеке, - Нурмира ага байкатпай идиш менен бөтөлкөнү ары алып барып коюп, кайра келатып сүйлөдү. - Эмне болуптур?

Анын кызуу экенин көргөн Айнур:

- Болду, кулпта дүкөнүңдү, кеттик үйгө, - деп эшигин жапмак болгондо Райла менен Миргүл чыга жөнөдү.

Нурмира ага болбой жатты.

- Мен азыр барбайм, ме ачкычты, Көкөндү ээрчитип эртең барам, жиниме тийбей кетип кал!

- Кызык го, Көкөнүң да ичип жатат да, экөөңөрдү тең дарылатпасак болбой калды, уятыңар деле жок, аның тиякта ичип турса, сен биякта.. .

- Ооба-а, биз алкашпыз, эмне болуптур, чоңоюп үй-жай күттүңөр, бизди жайыбызга тим койгула.

- Койбойбуз, бас азыр кетебиз, - Айнур Нурмираны карысынан ала сыртка жетелеп чыкты. - Бол деп атам.

- Барбайм! - Нурмира дүкөндөн чыгып ары жакты көздөй басып баратканда Айнур ага эчтеке дей албады, көчөдөгү элден тартындыбы же эмне болсо ошол болсун дедиби эжесинин үйүнө кирип кетти. Эң улуусу болгондуктан Аселкан аларды өзү тейлөөчү. Аселкан өзү майлуу-сүттүү жерде иштеп тапканы жетээрлик болгондуктан күйөөсүн да өзү билчү. Инилеринин Россиядан салган акчалары да анын кассасына түшчү. Ал жөнүндө билсе да Нурмирага эч нерсени ээ кылбай кийим-кечени алып берип тим болчу. Бир жолу күйөөсү Нурлан Миргүлгө сүйлөшүп отуруп минткен эле:

- Кайнатам менен кайненемди карап, багып жатам, өз атама деле эчтеке бергеним жок, кайнатам жакшы болсо өздөрүнүн үйүндө эле болсо болмок, балдарынын бирин алып.

- Нурлан, биерде жүрсө сага зыяны тийген жок го, балдарың багылуу, кечке иште жүрүп кечинде келесиңер, Нурмира кириңерди жууп, тамагыңарды жасап отурбайбы, - деп Миргүл айтканда ал тайсалдай түштү, оюнда аны кошо жамандайт десе керек.

- Эже, деги айтам да, атамды көрүп атасыз го, соо күнү жок.

- Ал эми башка сөз, балдарынын салганы силерге келет экен, ошолор ата-энеси үчүн берип жатат да?

- Туура, кайнилерим салып жатат, жерине фундамент куюп койдум, ага отуз миңден ашык кетти, - деп Нурлан Миргүлдөн алыстоого шашты.

- Баары ошол Көкөндөн болуп атат, ал ичпей калса эле Нурмира өз үй, өлөң төшөгүндө тынч гана эки башка тамак жасап коюп, эки чыныны жууп, бутту сунуп жата бермек.

- Ошо, ага кошулуп кайненемдин да ичкени арак болуп атпайбы? - деп ары басты.

"Атаны кайран неме а-ай, эгер балдары акча салып, үйүңдү бүтүрүп бербесе сен эки күн батырбай кал" деп ойлогон Миргүл батирине жөнөдү. Өткөндө Нурмира менен Көкөн тууралуу уккан сөздү эстеди: "Күйөө баласынын үйүндө жүргөнүнө караганда эркек баласы жок окшойт" деген эле коңшуларынын бири. Анда Миргүл: "Ой бир эмес үч эркек бар, үчөө тең Россияда иштеп, акча жөнөтүп жатпайбы" деген эле. Эми күйөө баласынын айтканы анын жинин келтирген. Миргүл ушуларды ойлонуп, үйүнө жетип калды эле алдынан Нурмира чыкты. Ал көчө менен тегеренип, ага келиптир.

- Айнурду алдадымбы? - Ал күлүп калды.

- Чын эле, анын көзүн бир паста жазгырыпсың.

- Бас үйгө кир.

- Ким бар үйдө?

- Айдана бар, ал жумуштан келген.

- Анда муну эшикке бекитип коеюн, - деп койнундагы бөтөлкөнү алып, сыртта бут кийим салынып турчу кутуга салып коюп, экөө ээрчише үйгө кирди.

- Ийи, каяктан келе жатасыңар, көйрөңдөр ээй, деги кыйын катынсыңар, аман эле болгулачы, - деп койду Айдана. Анын да кээде кыялы кармаганда кыйкырып урушуп кирет, бүгүн кудай жалгап көңүлү ачыгын көрүп экөө тең унчукпай калышты. Ал телевизордон көзүн албай отурган, экөөнө чайды куюп берип коюп эки көзү кинодо. Алар ошентип отурганда Көкөн келди:

- Ок, кайрандар десе, экөөнүн отурганын кара, эчтекеңер жок беле?

- Жанагы кыздарың бирдеке береби, жалаңкычтай болуп, аңдып турушат, сен эмнеге келдиң эми?

- Эмнеге келбейм, Миргүл өзүмдүн карындашым, качан кааласам келе берем, а сен эмне келдиң? - Көкөн күлө жооп берди.

- Менин кайын сиңдим, эмине болду?

- Эй, Нурмира, менин акеме тийишпегин, араң зорго таап алган акеме, - Миргүл күлүп калды.

- Жигит да, ошондой экен да, менчи анан, кете берейинби?

- Сен кете бер, акем айттыбы кет!

- Экөөңөн келгенди гана көрөйүн, дегеле бир тууган болуп калгандарын, - Нурмира Көкөндү быкындап жулмалап басып калды.

- Оме-ей эй, кара жерге кир, тамашалайм деп өлтүрүп кое жаздадың, болду ай, - Көкөн анын колун түртүп өйдө болду. - Бул ушундай жинди да, көрдүңбү, Миргүл, бул жама-ан, - Көкөн аны карап, сөөмөйүн чычайта күлдү. - Мындан корко-ом.

- Чын элеби ыя, азыр өлтүрөйүнбү? - Нурмира кайра баса калмакчы болуп колдорун тарбаңдата, - Аа-вуу! - деп койду.

- Кой эми, бир ачууңду мага бер, - Миргүл калп кой деген болду. Көпкө тамашалашып отуруп, анан Көкөн Нурмирага кыйшаңдады:

- Тур эй, Нурмира, барып бирдеке алып келбесең өлүп калбайын.

- Эмне-е, сен арак болбосо эле өлүп каласыңбы? - Бул жолу Нурмира ага чындап жини келе сүйлөдү. - Сен өлбөйсүң, илгертен бери, кой Нурмира, өлүп калам деп жүрөсүң, кана өлбөй эле жүрбөйсүңбү?

- Койчу эми, Нүкүш, барып бирди алып кел, Миргүл үчөөбүз ичип алалы.

- Миргүл ичпейт, - деди баятан бери унчукпай кино карап отурган Айдана. - Азыр арак апкелсеңер ташка чаап салам!

- Кой эми, кой, кой, - Нурмира ушинткенде ал унчукпай калды. Нурмира эшикке чыкты да:

- Миргүл, бери чыкчы, - деди, - Пияла ала чыксаң.

- Азыр, - Миргүл чыны алып чыкты эле, Айдана кошо чыкты, алар ээрчише жатакана жакка баратып, крандан суу ичкен болуп калышты, кинонун кызыгына баткан Айдана кайра кирип кетти. Нурмира койнундагы аракты ачып, экөө эч кимге байкатпай ичип алды да, кайра кирип келатып:

- Өлүп кетсин, бербей коеюн, анан бир куюп берем, дагы жалдырай түшсүн, - деп койду Нурмира.

- Азыр эле үйгө киргизип берип койсоңчу, ансыз да сен жок эч ким бербей жаман болуп калыптыр, бир чыны ичсе оңолуп калат.

- Бир берсең, кечке сурай берет да, жаныңды да койбойт, андан көрө бир аз соолуга түшсө берип коем, - деп ээрчише кирип төргө катарынан түшүп жатып алышты. Кечке далдоодон ичип, калганын көтөрүп кирди:

- Бирдеке алып келдиңби? - Көкөн зорго жаткан белем экөөнүн дабышын угуп эле сурады. - Мени өлтүрүп алба, ээй Нүкүш!

- Өлбөйсүң, өлсөң да жубарымбек кетпейсиң, өлүп калам дегениңен бери канчалар өлүп кетти, сен жүрбөйсүңбү? - Нурмира өчөшкөндөй калп эле тийише берди. - Ийи, өлгөнү турасыңбы, жүз грамм болсо эле аман каласың да, туурабы?

- Ооба.

- Мейли, өлсөң жакшы бар, Көкө-өн! - Нурмира кычаштанып атып анан күлдү, - Жүз грамм ичесиңби?

- Кана барбы? - Көкөн башын көтөрүп тура калды.

- Кой эми өлүп калба, чалымды өлтүрүп албайын ээ, Миргүл, бу да керек да, - Нурмира чыныга арактан куюп, анын колуна карматты. - Атаңдын каны болсо ичип, өлсөң өлүп кетчи балдарга жаман көрүнүп бүттүң, сени коргойм деп жүрөгүм ооругандан ичип коюп, мен дагы жаман көрүнүп атам, - Нурмира өчөшүп эки жолу куюп берди, ал кенебей анын каргаганын кеп деп да койбой жатып алды.

- Койчу эми болду, ичкен менен зыяны деле жок го, алар да бала эмеспи, унчукпай жатып алган адам жакшы да, - Миргүл аны тынчтандырмак болду. Чынында жини келип турган Нурмиранын.

- Аа-а байым, Миргүл, сен билбейсиң, уйкунун дарысын берип уктаталы дегенде да "корком өлүп калабы" деп бердирчү эмесмин. Ичкенден кийин ар кимисине асылып сүйлөй берет, тамакка да тойбойт, бияктан ичсе бияктан кардым ачты деп турат, кара башына эле көрүнсө экен, - деп Нурмира эзиле ыйлап жатты.

- Кой ыйлаба, ооруп каласың, битке өчөшүп көйнөгүңдү отко ыргытпа дейт го, ушунча жыл чыдаган эми өлгөнгө чейин чыдоого туура келет, кудай кылса кубарыңдын акысы барбы деген.

- Ошондой экен да, үйлөнгөндөн баштап эле ичти, адегенде достору үйлөнгөнүн куттуктады, ошондон бери тынбай эле куттуктап келе жатат, өлмөйүнчө калбайт го мунун ичкени.

- Калат, бул дагы карыйт, анан мештин түбүндө Нүкүш деп жатканын көрөсүң.

- Карыбай эмне, карыды да, алтымышка чыкты, эми жашпы?

- Алтымыш жаш эркектин жаш эле курагы, Көкөн али токтоло элек да? - Миргүл Нурмираны сооротуп, алаксытып күлдүрүш үчүн тамашага чала сүйлөдү.

- Анда тим коеюнбу? - ал да күлдү.

- Тим кой өзүнө нысап бербесе эмне кыласың, урушуп-талашып койдура албайсың, мына экөөбүздү ойлочу, балдар өчөшкөн сайын жинди болуп атабыз, ал дагы сен урушсаң дагы иче берет.

- Өлүп кетсинчи ойлоно берип кан басымым көтөрүлүп кетмей болду ушунун айынан, - экөө Айдана ары карап отурганда калган аракты бөлө ичип алды. Кеч кирип калганда Айдана тамак жасап, ичип алышып жатып калышты.

Таң атаары менен Самат келип калды, ал кийинки кездери алар менен сырдашып калчу болгон. Бир жолу айтканынан: "Эр жигиттин ичине эр токулуу ат батат" дейт, алдагы чердейген кардыңдын ичине жок эле дегенде эки эр токулуу ат батаар" деп Миргүл анын айтканына маани бербей эле тамашалап койгон. Ал үчөөнү көрүп эле:

- Ой, кайран элдер, жаткан экенсиңер, - деп кирип келди.

- Самат, арак таап келчи? - Нурмира аны карады. - Өлгөнү турам, мени үйдөгүлөр сураса жокмун!

- Ой, жиндиле-ер, силер жинди болгондо да нак жинди экенсиңер, - Самат күлө баш чайкаганда Нурмира:

- Жаның кейип атабы, барба анда, отур өзүм барып алып келем, - деп кийинип жөнөдү. Таң атпай Айдана жумушка кеткен. Ээн-эркин калышты.

- Кой жата бер, мен алып келем, - Самат чыга качты.

- Апкелбей көрсүн, мага эркелесе мен табам, мен да эркелеп коеюн да? - деп Нурмира жатып алып сүйлөп жатты. Бети-башы барыгып, шишип калган, Миргүл андан бетер тура албай жатат. Ошентип Көкөн менен Нурмира үч күн жатып, анан кичи кызы Айнурдукуна таң эрте чыгып кетишти. Миргүл ордунан тура албай бир жума жатты, ошол убакта Самат келип калат, ага боору ачып, кыздарынан тартынып унчуга албай кетип жүрдү. Бир күнү ал:

- Сен кыйналбай жүз грамм ичип койсоң эс алмаксың, минтип жатсаң өлбөйсүңбү? - деди.

- Ошону билген уул гана деген тура, эстүү жигит этекке чаптырбайт, жакшы ат камчы салдырбайт дегендей өзүң деле билип, эч болбосо пиво ала келбейт белең?

- Кызыңан корктум, Нурмиранын кызынан бетер оозума арак такап турса канттим?

- Антпейт, урушат дечи түбүңө жетпейт.

- Билбейм, корком кыздарыңдан, - деп Самат көпкө отуруп өз көйгөйүн айтып кирди. - Энең ушуга бүт өмүрүмдү арнап келатсам ошентпедиби, эмне кылаар айламды таппай калдым, төрөй турган жашыраак аял болсо жакшы болот эле?

- Тиги Бүбайчы, жагабы сага?

- Кайсы?

- Нурмиранын батириндегичи, жигиттерди көргөндө тим эле көзү кылгырат.

- Канча баласы бар?

- Төртөө го дейм.

- Апий, бирөөнүн балдарын баккандан медаль аламбы, тигинин төрт баласы менен эрин он жыл бактым, анын да балдары чоңойсо жинди-кунду болсо да өз атабыз деп энесин сүйрөй качса дагы талаада калам го?

- Ким билет, анысын айта албайм, бирок жаш төрөшү мүмкүн.

- Төрөсө дагы жылбай калат эле.

- Пешенеңден көрөсүң да, андан көрө мени алып алсаң болмок, төрөйм деп убада бералбайм, - Миргүл тамашалай каткырып калды.

- Алам, эмнеге албайм, тиесиңби?

- Жо-ок ай, жашыраак Бүбайды сага көндүрүп берем, - Миргүл ага ишеничтүү айтты. - Бирдеке дейсиңби анан?

- Көндүрсөң көрөбүз.

- Эртең сөзсүз.

- Макул.

- Анан Саадат билип калсачы?

- Энесин урайын, билсе да эчтеке дей албайт!

- Анда сүйлөштүк.

- Келе колуңду!

- Мына, - экөө кол алыша кетти.

- Аның ансыз деле кээде мага кылгырып жүрөт, менден бир ооз сөз чыкса өзү эле келгидей.

- Койчу?

- Койбой эле.

- Ишенбейм ай.

- Ишенбесең көрөбүз, сен мага эле кошуп бер, андан кийинкисин өзүм билем.

- Болуптур.

- Эртең канчада?

- Түштөн кийин Бүбайдын үйүнө барам, анан ээрчитип чыгам, ага түшүндүрөм.

- Анда кеттим, эртеңкиге сүйлөштүк, - Самат туруп жөнөмөк болуп баратып: - Сөзсүз аа? - деди.

- Сөзсүз, мен аткарам, сени билбейм.

- Мен сөзүмө турган жигитмин өзү.

- Турбасаңчы?

- Эртең көрөсүң.

- Мейли, жакшы бар.

- Жакшы кал, - Самат чыгып кетти.

- Көрүшкөнчө, - Миргүл ойлонуп отуруп Бүбайга жолугууну ойлонуп ордунан туруп, кийинки көчөгө жөнөдү. Ал ошондо Бүбай менен ачык эле сүйлөшөйүн деп ойлоп ага барса дем алыш күн болгондуктан, ал үйүндө экен. Ойноо балдары эшикте жүрөт, чоңоюп калган кызы ага жардам берип жатыптыр. Миргүлдү көрүп эле ал күлүп-жайнап тосуп алды:

- Келиңиз кайда жүрөсүз, кайсы шамал айдап келди деги?

- Келдим да, сени сагынып кетип эле келип калдым, ырас үйдө экенсиң, - деп Миргүл кызын карап койду, ал кинону карап калды эле Бүбай кызына:

- Жази, тур бар, тайкеңе барып келчи, мүшөктөр келиптирби билип кел дебедим беле, эрте барып келе кал, - деп Миргүлдүн бирдеме айта турганын сезгендей жумшап калды. Тултуңдай кино көргүсү келген Жази кийинип, зорго үйдөн чыкты.

- Бүбай, Саматты жакшы эле билесиң да?

- Кайсы, жанагы сиздер менен сүйлөшүп отурчу кишиби?

- Ооба, ошол, ал төрөй турган аял издеп жүрөт, сен жаш эмессиңби, күйөөңөн деги ажырашкансың, эгер туура келсе сүйлөшүп көрбөйсүңбү? - Миргүл Бүбайды сынай жооп күтүп карап калды.

- Койчу эй, эже, мен киста менен операция болгонмун да, бирок күйөөм балдарыма келип-кетип жатпайбы? - Бүбай ойлуу отуруп калды.

- Андан кийин төрөсө болбойт бекен?

- Билбейм.

- Ойлонуп көр, эртең экөөңөрдү жолуктурам, кыскасы ал абдан табышкер, сени жөн эле багып алат, - Миргүл ага жан-алы калбай Саматты мактап жатты.

- Сиз тим эле аны менен бирге жашап жүргөндөй мактайсыз да? - Бүбай кыткылыктап күлүп калды.

- Кошо жашабасам да көптөн бери билем, айтып отурса арманы күч экен, бооруң ооруйт, - Миргүл Саматтын айткандарын саймедиреп бүт айтып берди.

- Кызык ай, ошондой аял бекен, ээ? Тим эле эчтеке билгизбейт го, баса, сизге бир кызыкты айтып берейинби?

- Эмне деген кызык экен ал?

- Саадат эжени бир жолу базардан көргөнмүн, аябай мас болуп алып, ак чач киши менен колтукташып алыптыр болчу. Тим эле өзүн билбейт, жанындагысы да мас болчу, экөө колтукташып кетип жатканын көргөм, кийин көрсө ошол Самат акенин аялы экен.

- Ой, сен көргөндү мен деле бир-эки жолу көргөм, өзү көп ойнойт окшойт да.

- Андай аял эчтеке билгизбейт да, кокус мен бирөө менен таанышып же сүйлөшүп калсам өзүм эле жарыя кылмакмын, ичимде эч нерсе жатпайт, - экөө тең күлүп калды.

- Сизди билип калдым го, жашырганды билбейсиз, жатсаңыз да айтып коесуз.

- Ошо да, кандай жан экенимди өзүм да түшүнбөй кетем.

- Бирок сиз андай эмессиз, ичсеңиз деле андайыңызды көрө элекмин, Нурмира эже экөөңөр жигиттерди тоногонду эле билесиздер, жаш кезиңиздерде кандай болдуңуздар экен. Сөзүңөр эки болбой эле алдыңыздарга арак, пиво, окорачка менен колбаса туруп калат, азыр жаш болгонуңарда тим эле баарын тизип коймок экенсиңер, - Бүбай кыткылыктап күлүп тамашалай калды. - Өткөндө сизди күйөө чыгып жатат деп уктум эле?

- Ой ага мен калыңымды өзүм бычам, эки жылкы алып келип эшигимдин алдына байлап койсоңор өлгөнүмчө кызмат кылам дегем жок болушту, - Миргүл дагы күлдү.

- Жаман кымбат айткан турбайсызбы?

- Ал менин күйөөгө тийбейм дегеним да, менин бир гана максатым бар, күйөөдөн да ошон үчүн ажырашып кеткенмин, аны эч ким билбейт, айтпайм дагы, - Көпкө телевизор карамыш болуп ойлонуп отуруп калды: "Мен жөн гана жүргөн жокмун, ар бир кадамымда мас же соо болсом да өзүмдүн жан дүйнөмдү байытчу байлык издеп жүрөм. Эл ичинен издегеним жакшы сөз, түгөнбөс элимдин кенчи болгон улуу күч издеп жүрөм" деген сезимдери кайдадыр учуп бараткансыды.

- Миргүл эже, эмнени ойлонуп калдыңыз? - деген Бүбайдын үнү селт эттирди.

- Мм.. . эмне дедиң?

- Эмнени ойлонуп кеттиңиз?

- Тиги телевизорго берилип кеткен турбайынбы? - күлүмүш болду.

- Билбейм, сүйлөп жатсам деле отурасыз.

- Кино кызык экен.

- Киного кызыкпайм такыр.

- Баса, кечинде келем, мен барайын анда.

- Мейли, мен үйдө болом, Нурмира эже жок жаман болду ээ, эже, чогулуп турчу элек, мен деле кирбей калдым дүкөнгө.

- Чыныгы адам кадырын айбан кайдан түшүнсүн, акча, байлык болсо көздөрү тумандап калдыбы. Чөнтөгүндө акчасы, кесесинде толо ашы болсо менден өткөн адам турганын, анын жан дүйнөсү кандай таза экенин алар сезишпейт. Эне-атанын бала үчүн канчалык кымбат экенин ойлогулары да келбейт, бир күнү ошонун жакшы сөзүнө, отурган ордуна зар болгон кез келээрин сезбейт.

- Чын эле. Ичесиң деп Аселканы тим эле жаман урушат, ошого жини келип эле ичип алат байкуш эже.

- Ал дагы жүрөгү таза, жумшак аял да, ички сырын ачык айтып, балдарым ушундай деп айтуудан саксыгат, тартынат байкуш, болбосо ушул экөөбүз эле дейсиңби, дүйнөдө балдарынан кагуу жеп, көзүнөн жаш ордуна кан агып, жүрөгү бычак тилгендей сыздаган энелер азбы?

- Ошо да, эби менен урушса болмок, Нурмира эже кирин жууп, тамак-ашын жасап, кадимки эле күңдөй кызмат кылат. Тоону томкоруп жаткансып келип ичип-жеп алып, өз бөлмөсүнө өтүп кеткенин кантесиң. Кийим-кечесин алып берип, өзүн кулдай жумшагыча тынч эле айылга кетирип ийсе болмок.

- Эми дагы жакшы, тиги кыз келип, колу бошоп калды, кечке ошолордун камынан эле бошочу эмес, кой эми аларды ушактап күнөөсүн жеңилдетип койдук окшойт, мен кетейин, кечинде келем, - деп Миргүл өз жолуна түштү.

- Жакшы барыңыз эй, келип турсаңыз жөн деле, - деген Бүбай узатып калды.

Үйүнө келген Миргүл кино көрмөк болуп жатып алды, дивидиден индия киносун коюп жатып: "Кандай гана өз салтын бекем кармаган эл, деги ушулар жашоосунда дагы ушундайбы же жазгандары көркөмдөп койду бекен? Эх жашоо, колумда акчам болсо элчилеп ар кайсыга коротпой Индияны өз көзүм менен көрүп, салтты бекем кармаган, кармабаганын билсем кандай сонун болот эле. Мен дүнүйө-мүлк жыйнабай эле дүйнө жүзүн кыдырууга жумшамакмын " деп ойлонуп жатты. Деги эле адамдын адамдыгын бир башыңа оор иш түшкөндө, жан дүйнөң жабыркап көңүлүң ооруп турганда гана билсе болот. Эгер сени ошондой мезгилде таштап койсо ал сени күнүмдүк гана эмгегиң, чөнтөгүңдө пулуң болуп турганда жандап, жаныңдан чыкпаганы адамкерчилигинин аздыгы, жалаң гана кошоматчылыкты эңсегени. "Бала жеп балапан башым куурады" деген сөз бекеринен айтылган эместир. Айрыкча эне сүлкүлдөгөн жаш чагын, эч нерсеге алмашкыс курагын көкүрөгүн кайгы ээлеп, жүрөгүн мыкчыган оор азап, жашоодон тажаткан окуя болуп өтсө да кызыл эт наристеси үчүн баарын курмандыкка чалып, көргөн кордугу ушул наристесин чоңойтуп алса эле ойдогудай болуп кетерин ойлоп, күтүп жашап келет. Чачы куудай агарган кезде ошол наристеси бойго жетип алып, эненин кечээги азап-тозогун кайра башына салса, ичип алып жаңжал кылганы же тапканын колко кылып корсоңдоп зээнин кейитип, жүрөгүн муздатканы арман эмей эмне? "Бири кем дүнүйө" деп ата-бабалар ошон үчүн айтышкан тура, киши өлтүргүч канкорду да, эл башкарган баатырды да, ажону да эне төрөгөн, алпештеп багып өстүргөн, уктап атса чымындан коруп, тынч уйкусун сактаган. Ал эми пенде өлгөндө да ошол жатаар жери кара жер, ак кездемеге оролуп тынч уйкуга да бирдей эле катардагы пенде катары чын дүйнөдөн орун алат. Тирүүлүктү жараткан пенделерине сыноолор үчүн берген, жаныбарлардан айрымасы акылы жетик болуп гана жаралганы..."

Ушуларды ойлонуп жатып кинону да көрбөй жата берди. Ал бүгүн жалгыз, кыздары да жумушта, небереси мектепте, жалгыз чай ичкиси келбейт. Аңгыча айланага карыңгылык кирип калганда ордунан туруп сыртка чыгып, Бүбайга жөнөмөк болду эле, ошол кезде Самат келип калды:

- Кана убада? - күлө карап калды ал.

- Азыр, ага сен жөнүндө айттым, калганы өзүңөрдүн колуңарда, мен болгону себепкер.

- Анда кеттик.

- Жаш келиндин дарегин укканда токтоно албай калдың да, отур чай ичебиз, жалгыз жүрөккө эч нерсе барбайт, киши жокто эчтеке иче албай жүрө берем.

- Мен да ошондоймун, жалгыз иче албайм да.

- Ал тамактан алсаң.

- Алып атам, бүгүн Саадат жок, сен жалгыз экенсиң жаныңа жатып алсамбы? - тамашалай күлө карап, жооп күтүп калды.

- Мени эмне кыласың, чай ичкенге шерик издегеним менен төшөктө жалгыз жатканга көнүп калгам, бүгүн сен Бүбай менен жакшылап таанышып, сырын тартпайсыңбы?

- Көрөбүз, анын менден башка да "сүйгөндөрү" болсочу?

- Аны ким билет, колуң жетпей туруп кызганбай куруп кал, кантсе да жаш эмеспи?

- Аның туура дечи, бол эми өзүң кирип чык.

- Азыр, - Миргүл Бүбайдын үйүнө кирип кетти. Батирлердин катарында бир бөлмөдө турчу Бүбайдын үйүнө баш бакты Миргүл.

- Келиңиз, эмне мынча кеч? - Бүбай жылмая тосуп алды. - Сизди келет деп күтүп жаткамын.

- - Келдим, жүрү эшикке сүйлөшөлүчү, - Миргүл анын балдары менен инисинин көзүнчө сүйлөшкөндөн айбыга эшикке чакырды. Ал экөө эшикке ээрчише чыкканда Самат алдынан тосуп алды. Алар мурда эле таанышып, бирок жакындан сүйлөшчү деле эмес. Бүбай, кандай, чоюлуп эле көздү күйгүзөсүң! - деп тийише сүйлөдү.

- Жакшы, өзүңүз кандайсыз?

- Со-онун, сендей сулуу кыздарды аңдып эле жүрөм.

- Коюңузчу?

- Койбой эле.. .

- Жаман тамашакөйсүз да?

- Эмесе кыз-жигит, мен кете берейин, үйүмдө киши жок, - Миргүл өз үйүнө кетмек болду.

- Кое турбайсызбы, омей, кетем дебей тура туруңузчу, - Бүбай аны токтотмок болду.

- Негизги ишим бүттү, ашык баш караандын силерге эмне кереги бар? - Миргүл экөөнү калтырып жөнөй берди.

- Миргүл эже! - Бүбай жалгызсырагандай анын артынан кыйкырып кала берди. Ошол түнү эле алар баарына кайыл болуп, биригип алышыптыр. Түбөлүккө эмес утурумдук бири-биринин көңүлүн алып турууга, күнүмдүк жетишпестикти толуктап, азга көңүл көтөрүүгө. Миргүл эми жатмак болуп жатканда эшик такылдап калганынан ача койсо экөө.

- Ой, эмне болду?

- Биз сага конок болууга келдик.

- Келгениңер жакшы, - Миргүл дасторконун коюп, чай-пайын даярдап алып келди. Үчөө аркы-беркини айтып, сүйлөшүп отурушту. Анан Миргүл Саадаттын жанына кетмек болду. Самат менен Бүбай анын үйүндө калды. Түнкү саат он бирлерде Миргүл Саадаттын эшигин такылдатып кирип келди.

- Келиңиз, кайдан караңгыда?

- Ой, үйдө эч ким жок, жалгыз жата албай койдум.

- Самат дагы жок, аны көргөн жоксузбу?

- Жо-ок, жумушта беле?

- Үйдө эле болчу. Кечке жатып, кечинде жоголуп кетти.

- Ал анда кыз уулап кеткен го? - Миргүл күлүп койду.

- Ошондой го, кыздарды тапса мейли го, жалан эле чоң катындарды таап алат.

- Ошол да өзүнчө ырахат эмеспи, адам кээде көкүрөк черин жаза бирөө менен сырдашып, сүйлөшүп алса эс ала түшөт, жаштар аны түшүнмөк беле, эси-дарты акча, аны махабат ойчул элестетип сөз укканга жарабайт.

- Анда эмне арман болмок эле, башы оогон кезде басып кетмей адаты кармаганда кете берет, - деп Саадат бир аз толкундана ачуусу келгенден улам ызалангандай сүйлөдү.

"Тобо-о, эки эркектин ортосунда жүрө бергиси бар го, адамдын жан дүйнөсү менен иши да жок. "Эки аяктуу болсо эле адам дебейбиз, ал адамдын жүрөгүн жылытпаса, аюу ичик болсо да тон дебейбиз, ал адамды жылытпаса" деп Токтогул атабыз айткандай, өзүн гана ойлоп өзгөнү ойлобогон пенде болот тура" деп Миргүл ойлонуп алды.

- Чай ичиңиз, Миргүл эже, - Саадат ага чыны узатты.

- Тим эле койбойт дагы, жатаарда көп ичип алсаң ашказандын эле шору.

- Эми, капырай, келген кишини чай ич деген салт тура.

- Ырас айтасың, - Миргүл нандан чымчып оозуна салып, чайдан ууртап алып: - Саадат, сенин оюңча Самат тескери жүрөт деп ойлойсуңбу? - деди.

- Ой, ошону эле ким карап туруптур, дегеле ушундан тажап кеттим, кетсе кете берсинчи, башым да оорубайт!

- Жашаганыңарга канча болду?

- Он үч жылдан ашты.

- Көп болгон тура, бири-бириңерге жытыңар сиңишип калган турбайбы, анан Самат кантип тескери басмак эле, бир жерде карта ойноп же сүйлөшүп отургандыр.

- Эмне болсо ошол болсун, - Саадат сиркеси суу көтөрбөй чырт эте түштү. - Мага десе кете берсин.

- Ошо кантип болсун, кой антип айтпа, үйбүлө туткасын экөөңөр бирге камагансыңар болбойт да, эми ажырашып кетпегенден кийин.

- Күйүп кетесиң да, заматта көздөн кайым болуп турса же жаш бала эмес, тоо-бо! - деп койду ал. Миргүл андан кийин ашыкча сөз айтуудан тартынды. Унчукпай салып берген төшөккө жатып калды. Саат он экидеги өчө турган светти ойлоп, телевизор карап жата берди, бир кезде жалп деп жарык өчтү. Ар кимиси үндөбөй уктоого киришти. Буга чейин Саадаттын көз карашынан күйөөсүн өзүнөн кызгана турганын сезчү, эми эмнегедир башкача сезимдер калды. Өзүн башкача көрүп, көтөрүңкү, "сен ким элең" дегендей бир көз карашта болгонун билди, анын анысына да терикпеди. Бирок бир топ жыл жашап чиедей жаш балдарын бактырып, ал турсун күйөөсүнө тамак-аш ташып жүрүп тапканынын берекесин кетирип, карыздарына төлөп жүрүп, качан балдары бой жеткенде баягысын унутуп эки күндүн биринде эрине барып келип турган бул келиндин адамгерчиликсиздиги, бечаралыгы жүрөгүн өйүттү. "Пендени көр пенде деп ошол үчүн улуу даанышмандар айтат тура, эгер жер үстүндөгү бир күндүк жарыкчылыкты мыкты баалап, жашоонун баркын билип бири-бирин сыйлап өтөөр болсо жер үстү бейпилчиликте, кой үстүндө торгой жумурткалап жыргал өмүр сүрүшмөк. Ооба, пенделерде андай болбойт, бири-бирин көрө албастыгы, өзүнөн өйдөрөөгүнө көз арткан ичи тардыгы өнүккөндүктөн, адамдар өлүмгө, кайгы-муңга батып, жер эненин касиетин тебелеп тепсеп өтө беришет" Ушул ойлордон арыла албай жатып, уктап кетти. Ал түш көрүп жатты. Түшүндө бийик тоолорго чыга албай жылмышып атат, бир убакта эптеп жатып чыкса тоо башы жапжашыл ыраңдуу койкойгон көк шибер экен, негедир ары жагы жар. Миргүл ал жардан учуп кетчүдөй коркуп турса алысыраактан аппак тайлак көрүндү, ал чөгүп жаткан экен. Миргүл аны көздөй басса ал улам сайын ары жылгансыйт, анан кулагына үн угулгансыды, тыңшап калды. "Сен намаз окуп кудай жолуна түш, сенде чо-оң кереметтүү касиет бар, аны сезбей жүрөсүң, тез арада намазга жыгыл" деп үн чыккан жакты караса алыстан бүлбүл гана болуп мечит көрүндү. Негедир буту ошол жакты көздөй шилтенгенде ортодо мунарык каптап, аялдар менен жаш балдар көрүнүп аларга аралашып кыйналып жатып ойгонуп кетти. Кара терге түшүп, жүрөгү лакылдап калыптыр, терезеден жарык түшүп калган экен, ордунан туруп кийинди да, кетмек болду.

- Кайда жөнөдүңүз, карга бок чокуй электе? - Саадат башын көтөрө сурады.

- Кетейин, кетпесем үй эмне болду.

- Көтөрүп кетмек беле, барасыз да, капырай, - дегенде Миргүл анын бул чын дилден айтканына ыраазы боло шагын сындыра албай отуруп калды. Саадат арыдан-бери экөө жаткан төшөгүн жыя салып, кызын ойготпой чай ичкен столуна чай-нанын коюп жатты.

- Убара болбой уктай берсең болбойт беле, бүгүн кыз да сменден келет, эртерээк барышым керек, ачкычты таппай калышат.

- Эми бир чыны чай ичиңиз, ботом.

- Мейли, эртең мененки ырыскыңды таштаба деген тура акылман карылар.

Миргүл менен Саадат бет маңдай чай ичип отурушту. Миргүл ичинен өзүн күнөөлү сезип атты: "Даамын сызып отуруп арам иш кылган жокмунбу, кудай кечире көр, иче турган ашыңа какырба, кайра өзүн ичип калышың мүмкүн дегендей кечир, кудайым" деп ичкен чайы менен наны тамагына тыгыла зорго ичти да, үйүнө кетти. Ал келсе Бүбай жаткан төшөгүн жыйып коюп, Самат экөө сүйлөшүп отурган экен.

- Кандай эс алдыңар?

- Жомоктогудай, - Самат жооп берди.

- Коюңузчу эй, - Бүбай уялган болду.

- Иши кылып мен да өткүр экенмин, Саматты көргөн жокмун, эчтеке билбей тынч барып уктап келдим, кой мен чай коеюн, - деп камынганда Бүбай:

- Чай ичтик, мен жумушка барышым керек, - деп ордунан турду. Самат калып, ал кетти. Миргүл аны узатып коюп, кайра кирип чай койду. Самат экөө чай ичип жатканда Миргүл:

- Кокус Саадат билип калса уят ай, экинчи бул жерге барбай башка жакка барып жүргүлө, даамын сызып отуруп, ашына кара санаганым болбос, - деди.

- Кызык экенсиң ай, ал экөөбүз эл көзүнө эрди-катынбыз, ал эми ортобуз сууп калды, элестет дагы мен экенмин, эрине барып келип жатса да унчукпай жүргөн.

- Ошентсе да адамдын жүзү жылуу, соорусу суук дейт эмеспи, сен эмес эле мен арамдык кылгандай жаман болдум.

- Эч коркпо өзүм жооп берем, баары бир биздин жашообуз болбойт. Менин көзүм эбак жеткен, экөөбүз тең өз-өзүбүздү алдап жашоодон тажап баратам, Миргүл, ал алтынчы-дем алыш күндөрү сөзсүз күйөөсүнө барыш керек, барбаса болбойт, - дегенде Миргүл каткырып алды:

- Кызыксың го, барбаса болбойт деп сен чыдап отура бербей кетип калбайсыңбы?

- Кете турганга болбой жатпайбы, ортодо көп иштер бар, чиеленишкен иштер, өз ара жардам тобунда аласа-бересемди бүтүрүшүм керек. Кечээ бир таанышыма жолуксам эле, "ай келдиңби сен келсең эле берем деп Саадат акча алды эле" дейт. Жиним келгенинен өзүнөн ал деп койдум.

- Кыз-зык, сени берет деп алган акчаны ал кайда алып барат?

- Күйөөсүнө же балдарына жумшайт, анан Самат төлөшү керек, өткөндө келсе жакшы кабыл албай "акча, акча дейсиң, атаң акча жасап атабы?" дептир. Карыз алып берип койдум, өзүм төлөйм да.

- Сенин жашооң кызыгаарлык экен, деги ачык сүйлөшүп, чечишип алсаңар болбойбу?

- Убагы келет өз ара жардам тобундагылар Саадатты сыйлачу, эми жаман көрүп жүрүшөт, - Самат андан аркысын айтып отурду.. .

Ортодогу чогулган акчасынан Саадат жыйырма миңди алган экен, эми ошону төлөшүп, кайра Саматтын кезеги келгенде аны да күтүп, Саадат ага бир күнү мындай деди:

- Самат, акчаны алгандан кийин сенин туулган күнүңдү өткөрөлү, бир кой алып кел. Беш жүз сомдон чогултуп алалы.

- Убагында шорпо менен тостук жетет, элүүгө чыкканымды ошондо эле ойлобойт белең, адам бир жылда бир жолу эле төрөлөт, эми өткөрбөйм, өзүңдүкүн өткөрүп жыйнап ал!

- Ал эмне дегениң?

- Ал ошо дегеним, же тигил үйүңө өткөрөсүңбү?

- Эмне деп эле жатасың, мен эч качан ага барбайм, балдар үчүн эле барып келип жатам.

- Кайсы кудай урган аял күйөөсү менен жашап жатып качанкы эрине барат, өзү келет-кетет бала деген. Болгон күчүмдү жумшап, тапканымды колуңа берип ушунча жыл, унчукпай келдим, дүнүйөдө эки күйөө менен жашаган сендей болгон эместир, бул замандын супер аялысың, сени дүйнөлүк китепке жазыш керек!

- Болбогонду сүйлөбөй жөн болчу, мен эриме кете бере турган болсом сен аялыңа барасың, болбосо башка аялга кетирбейм.

- Эмнеге, мен ага барбайм, андан кеткенмин эбак эле, мага жашоо оюнчук дейсиңби, сендей эмесмин!

- Андай болсо өзүм тандап алып берем!

- Сага жаккан мага жакпайт, мени эмне жаш бала көрүп атасыңбы, ушундайда өз жолуң менен бол, мени оюнчуктай колдонбо. Мен эркек башым менен чыдап отурам керек болсо, менден башка бирөө болсо эбак сени сабап жеткирип салмак, эгер ошол күнү төркүндөрүңдүн көзүнчө мени ала барсаң эриңе өзүм кошуп бермекмин.. .

- Ачууланбачы эми, эриме барганда аны менен жатып келип атат дейсиңби, барып балдарымдын кем-карчыларын толуктап, кайра келип жатам.

- Ал сенин ишиң, кыскасы мен өзүмө төрөй турган аял издейм да, өз күнүмдү көрөм! - Самат чыгып кетти. Саадат отурган жеринде селейди: "курган жашоо, дагы кандай оюнуңду баштаганы турасың, ошол мени башка эркек менен жашап келгенимди көтөрө алмак беле, бир кезде үйдөн кубалап чыгып, эми балдарды ортого салып мени кыйнады. Самат менин бардыгыма чыдады, кудай алдында күнөөмдү көтөрө албай өлөм го, пешенем кандай шордуу жаралдым экен" деп телмире отура берди. Самат ошол чыккан бойдон үч күндөн кийин келди. Бирок бири- биринен эч нерсе сурабады. Суз мамиле менен чай ичип, тамактанып, күндөр өтүп жатты.. . Самат ушуларды көз алдынан жипке тизген шурудай өткөрүп жатып айтып берди. Миргүл унчукпады, тек гана: "Тобо-о, же күйөөсүнө биротоло кетип калбай же мунун көңүлүн калтырбай койбой эмне деген аял, экөөнү тең кыйбай жүргөн го" деп ойлонуп жатты.

- Сен ойлосоң кээде басып кетким келет, бирок мен муну аяйм, ооруп калабы деп корком, кокус ооруп калса ал күйөөсү карабайт, дагы чыгарып коет.

- Кызык экенсиң, ал сени ойлобосо, сен аны аяп айтканың таң калыштуу, а өзүң ооруп калсаңчы?

- Мен ошону аяп гана жүрөм, - Самат улутунуп койду.

- Саадатты катуу сүйсөң керек?

- Сүйүү.. . кайдагы сүйүү, ал бир ныптасы иштебей ооруп зорго айыккан.. .

- Сен аны аяп жатасың, эгер сени ал аяса мындай иш кылбайт эле го?

- Айла жок аяйм да, күйөөсү аяп мамиле кылганда мындай болмок эмес, зорго сакайтып алгамын.

- Аа-а байкуш десе, кыскасы сен, аны жүрөгүңдөн аяп мамиле кылат экенсиң да, ээй тагдыр эй, кээде кызык тагдырга туш болосуң, боорукерди таш боору тепсендиге калтырат экен да. Сенин бул чийеленишкен тагдырың бул дүйнөдө жалгыз эместир, жашоодо толуп жатат, билинбеген өмүрдө нелер гана болбойт десең.. .

- Ошондо-ой, аял-эркек дос болот десе ишенишпейт, сенин мамилең мага достордой эле, сени менен сүйлөшсөм эс алып калчу болдум, ичтеги сыр адамды бук кылып акыры өлүмгө да алып келет экен, чынында кыйналып бүттүм, - экөө көпкө сүйлөшүп отурушту, Айдана келип аларды көрүп эле:

- Дагы каякка барганы атасыз? - деди апасына.

- Каякка бармак элем, отурабыз жөн эле.

- Апаңды азыр алып кетем, Нурмира жок болсо эле иче албай калат белек, Бүбай үйдө күтүп жатат, - деп Самат тамашалады.

- Мейли, бара бергилечи, өзүңөрдү-өзүңөр билгиле.

- Биз эмне алыска кетет белек, Бүбайга эле жолугуп кайра келем, - Миргүл Самат менен ээрчише сыртка чыкты. Эки жакты каранып алды, деги адамдарга илээ жок да, үйүнө бирөө келсе да кеп кылат, ошондуктан өзүнө сөз ээрчиткенден сактанып алды. Көзүнө үй ээсинин аялы чалдыкты: "Ка-ап, эмне деп ойлойт эми " деп ойлоп жөнөп кетти. Алар келсе Бүбай чүмкөнүп алып уктап жаткан экен. Самат көнө элек болгондуктан анын үйүнө өзү баргандан тартынып Миргүлдү ала келген. Ээрчише кирген экөөнө Жази:

- Апам ооруп жатат, - деп айта салганда угуп калган Бүбай ордунан тура калды:

- Келгиле.. .



- Түнү менен уктаган эмессиң го? - Миргүл аны сырдуу карап, жылмайып койду.

- Жо-ок, салмактанып эле башым ооругандан жата калгам, Жази, чай алып келчи.

- Чай ичкенден тажадык, андан көрө бирдемең болсо алып келип калчы, - Миргүл Саматка карап көз кысты. - Пиво эле ичебиз.

- Нурмира эженин жогу жаман болду, ал болгондо эч камсанабай алып келе калат элем, - деп Бүбай күлүп туруп сыртка чыкты да, Жазини жөнөттү. Бир аздан кийин ал эки пиво көтөрүп келе калды, анан казан-аяк койгон столунун алдынан жарым бөтөлкө арак алып келди.

- Миргүл эже экөөбүз муну ичебиз, - деди да стакандарга арак куюп, бокалга пиво куюп Саматка сунду. - Алып коюңуз эми сүйлөп, - деди көздөрүн күлмүңдөтө ага сырдуу карап, стакан тийиштирди. - Ден соолукта бололу ээ, эже?

- Ооба, денсоолук болсо баарына жетет экен адам баласы, ууч топурактан сырткары болсок жакшылык өзү келет экен, ынтымак болсун, - деп Миргүл дагы алып ийди.

- Ой азаматтар оой, жөн эле суусап жаткансыңар го? - Самат экөөнү карай күлдү.

- Элестет, суусабаса деле ал-ал деп жатса кантип албай кое аласың, адамдын көңүлү гүл деген, ичпейм деп такыр айта албайм, - Миргүл актана кетти.

- Актанбай деле кой, көптөн бери Нурмира жок аябай зериктиң го, ал зорго эле жүргөндүр, ага барып келбейлиби?

- Барса барып келели, качан барабыз?

- Менин колум бошобойт, сиздер барып келиңиздер, мен эжеге берчүмдү берип жиберейин, - Бүбай аларга карады. - Менден салам айтып коесуздар да, - кылыктана Саматка карап койду.

- Сөзсүз айтабыз, тартууң көбүрөөк болсо эле айтып коебуз, - Самат дагы култуңдай күлдү. - Сенден салам айтпай анан.

- Самат айтат, мен билбейм, салам дубаңды ошого дайында, - Миргүл дагы ага жараша сүйлөдү.

- Эмнеге?

- Ошо.

- Кызыксыз го, эже? - Бүбай чычалагандай кызандап кетти. - Эмнеге антип атасыз?

- Бүгүн көрүп атасыңбы мени, же такыр эле тамашалашып көрө элек белек, ушунча да көтөрүмүң жокпу, ой бо-ой Бүбайжан, мен сени эмне дээр экен деп койсо.

- Ошентип дагы тамашалайсызбы? - Бүбай кайрадан кабак ача кыткылыктап күлүп ийди.

- Күлүп эле жүрчү, айланайын, бир паста ааламды кара булут каптагандай бүркөлдүң да? - Миргүл ордунан козголо колун булгалап койду. - Ааламды кара булут каптаса да, эч качан адамзаттын көңүлү карайбасын, кара булутту шамал айдап кетээр бир күн, көңүлдү агарта албайт эч ким.

- Акын болуп кеттиңиз го?

- Болсо эмне экен, ыр жазам.

- Ыраспы?

- Ооба.

- Жазган ырыңыздан айтып бербейсизби?

- Айтса айтып берейин:

Жарыктык, кандай сонун жалган дүйнө

Өмүрүң өтөр бир күн өкүндүрө.

Жашоонун эң акыркы мүнөттөрү

Кимди гана селт эттирбейт эске түшсө.. .

- Ай-ий, өзүңүз жаздыңыз беле же бирөөнүкүн жаттап алдыңыз беле? - Бүбай чындап эле ишенбей сурады.

- Мүмкүн башка нерсе уурдайттырмын, бирок бирөөнүн ырын меники деп айтуудан алысмын.

- Аябай ойлонто турган сөздөр экен, кимдер гана ойлобойт акыркы мүнөттү, ушинтип өмүрдөн өтөөр кез келет деп ойлонуп күткүчө билбей туруп өткөн жакшы го ия, эже? - Бүбай ойлонуп калды. - Кайдагыны айтып жүрөктү оорутуп койдуңуз, эже?

- Ал жүрөктөн чыккан сөздөр, Бүбай, атайын жаза албайм, өзүнөн-өзү келгенде жазганга үлгүрбөсөм кийин андай жаза албай калам.

- Илхом деңиз.

- Ошондой болсо керек?

- Сүйүү жөнүндө жазасызбы?

- Арак ичип мас болгонду эле билет дейсиңби, сүйүп да көргөмүн, сүйүү жөнүндө да жазам, - жылмайып алды.

- Айтып бериңизчи, жагып калды мага ырларыңыз.

- Ооруп турат жүрөгүм карабачы.

Канчалык мени сүйүп турсаң дагы.

Көз карашың өрттөп кетти жүрөгүмдү.

Суранам, ашыкча сөз деги айтпачы.. .

- Чын эле жакшы жазат экенсиз.

- Акын экенсиз чынында, - Самат сөзгө аралашты.

- Ыр жазгандын баары акын эмес, ырдай билгендин баары ырчы эмес деп коет го?

- Туура, эже, эл ичинде кандай гана таланттар бар, деги укмуш экенсиз.

- Аракты эле жакшы ичет дедиң беле, сиңдижан, - Миргүл күлүп калды. - Ичип да коем, арак кээде кыжаалат ойдон арылтып коет, ырдап да коем, бала кезде ырдагым келсе апам каршы болуп: "Артистер бузулуп кетет, сен артист болом десең турпагымды түйүп берем" деп мени урушуп койгон. Ошентип асыл максатымдын бири аткарылбай калган.

- Жаман болуптур, мурункулардын түшүнүгү ошондой эле да.

- Алар эски кишилер болгон, ошо апаңдын тилин алып сөзүн уккан сен ыймандуу кыз экенсиң да?

- Ыймандуу болгондо кандай, бирок өмүр бою ичимден өкүнүп жүрүп өтө турган болуп калбадымбы? - Миргүл улутунуп алды.

Бир кезде сахнадан өзүн элестетип алып чоң максат койсо да ишке ашпай үмүтү жанып арманда калганына көкүрөгү өйүп турган өңдүү.. .

- Мейли эми ойлонбоңуз, азыр биздин отурушубуздун көркүсүз го, жетет ошол деле? - Бүбай күлүп койду.

- Чынын айтсам сен деле аябай жакшы ырдайсың, сенин үнүң аябай ачык, бийик дагы.

- Мен зериккенде, же отурушта эле ырдап койбосом ырчы болууну максат деле кылган жокмун.

- Эми ар кимдин өз каалоосу бар да, кой, Бүбай, мен кеттим, түш болуп калды, аябай отурдук, - деп Миргүл туруп кете турган болду эле Самат аны токтотту.

- Балаң ыйлап калдыбы, анча эмнеге шаштың?

- Миргүл эже ыр жазганга шашып атат.

- Ооба. Илхамым келип калды.. . - Бүбай аны узатып чыкты. - Кой эми кире бер.

- Миргүл эже, Самат аке чындап эле үйлөнөт бекен?

- Төрөй турган болсо дейт.

- Саадат эжечи?

- Ажырашат да ушинтип жүрө бермек беле?

- Билбейм, дагы жолугабыз го?

- Мейли, анда мен барайын, сен жакшылап кармай бер, жаңыдан эле башталды го? - Миргүл басып кетти.

- Жакшы барыңыз, - Бүбай каткырып койду.

Самат экөө көпкө отурушту, Бүбай көз кыйыгын сала Саматты улам карап коюп отурганда:

- Сүйлө, Бүбай, - деди Самат.

- Эмнени сүйлөйүн, сиз баары бир Саадат эжеден кете албайсыз, эгер ал билип калса эмне дейт, сиз анын мыйзамдуу күйөөсүсүз да?

- Андан кам санаба, сен мага уул же кыз төрөп берсең болду, ал эчтеке дебейт, экөөбүздүн жашообуз алда качан экиге бөлүнүп калган.

- Бүтүрсөңүз анан көрөбүз, ага чейин…

- Эмне ага чейин, качкың келип жатабы, эми менден кача албайсың, баары бир менин колума түшөсүң акыры, - Самат аны бөйрөктөн чукуй тийишип, тамашалап жатты. - Мен бир жармаштымбы жарганаттай жармашып чыкпайм, колго түшкөн коенду кое берген оңобу дегенди билесиңби? - Самат аны копол кыймылы менен жулмалап өпкүлөп бир аздан кийин бышылдап өйдө болду.

- Коюңузчу эй, жаман киши экенсиз, болду дейм! - Бүбай кыткылыктап, анын алдында маашырлана кылыктанып жатты.

- Болбойм, абдан ширин экенсиң жыттаган сайын кумарым канбай жатат, - Самат кайра басып жыгылды, экөө көпкө чейин ооздорунан өбүшүп, бойлошуп, бири-биринин бутуна бутун асып алышып жата беришти. Саматтын курсагы эле тоскоол болбосо экөөнүн айырмасы билинбей калды бул учурда. Он үч жаш айтканга улуу көрүнгөн менен аял менен эркектин ортосундагы мамиле билгизбей коюшу мүмкүн экен. Канчалык өзүнүн жаштыгына чиренип, боюн ала качканы менен кумар деген кумар экен да…

- Кызым келип калбасын, туруңузчу, - Бүбай Саматты өзүнөн ары түрттү. - Туруңуз дейм.

- Койнуңа киргим келип жатат, өзүмдү кармай албай калдым, - Самат аны кое бербей кучактап алып мойнунан, көкүрөгүнө колун салып төшүнөн өөп жатты.

- Болдучу, болду дейм, балдарым келип калат, - деп Бүбай суурулуп чыгып жоолугун оңдоп, кучагынан чыгып кетти. - Уялбайсызбы?

- Эмнеден уялам?

- Чак түштө, - кылыктуу, ага ичинен ыраазы болгондой күлүп койду. - Чак түштө бирөө көрсө же Саадат эже келип калса…

- Ал менин артымдан баспайт, эгер түшсө эмне болоорун жакшы билет ал, - Самат компоюп койду. - Мен өзү бир гана сүйлөйм.

- Укмуш адамсыз го, эркектердин баары аялына ушундай мамиле кылса…

- Өзү ошого жол берген, менин артка кайтпасымды жакшы билет.

- Ошончолук болгон экен, ажырашып алсаңыздар болбойбу?

- Анын өз убагы келет.

- Эмне, аялыңызды катуу сүйөсүзбү?

- Сүйүү дегенди жаш кезимден башыман өткөзгөнмүн, эми болсо жөн гана сыйлашып жашагандан өтөөрү жок.

- Мени эркелетпеңиз, алдабаңыз, байкеси, менин төрт балам бар, эрмек боло албаймын сизге, мени тынч койсоңуз экен, күйөөм дагы келип-кетип турат. Ал көрсө да башкача ойлойт, кызым менен балам да чоңойуп калды, бир нерсени сезип калышса уят, мени жаман көрүп калбасын, мындан ары келгениңизди токтотуңуз.

- Оп-по! - Самат аны жылмая карап калды. - Аялдын амалы кырк эшекке жүк дегени чын, жаш болсоң да бир топ амалдуу экенсиң. Ойлоп кой, Бүбай, мен кайырмагыма илген балыкты кое бербейм, бир эмес он мүдөөмдү аткарам десе да.

- Эмнеге?

- Ошо менден кутулушуң кыйын дегеним.

- Кызык экен…

- Кызык оюнду экөөбүз баштадыкпы, бирибиз жеңип чыгышыбыз керек, же жалган айтамынбы?

- Түшүнбөй да калдым.

- Бир күнү түшүнөсүң, сөздөрүмдү жакшылап ойлон, эртең же кечинде келем.

- Жакшы барыңыз, - деген Бүбай унчукпады. "Кызык адам экен, мен туура кылдымбы же туура эмес кылдымбы, жашы бир топ улуу болсо да илинип алдым, эми акырын күтүүгө туура келет" деп ойлонуп алды. Ошол убакта беш жашар кызы кирди:

- Апа, курсагым ачты, нан жейм.

- Бар өзүң нан алып жей бер!

- Чайчы, чай бербейсизби?

- Чай ичет белең, азыр анда, - Бүбай термосту алып келип, нан-чайын коюп, чыныга чай куйду. Кызы менен чай ичип отурганда Жази менен уулу кирип, тегеректей отуруп чай ичиле баштады. Бүбай балдарынын ар бирин карап ойлуу отура берди.

***

Камила шаарга келип, таенесине жолукмак болду, таксини алардын үйүнө айдатып келип токтотту да, кирип кетти. Зууракан эшикте жүргөн эле Камиланы көрүп:

- Ээ кагылайын, кызың кана, өзүң эле келдиңби? - деп жеткиче сурап алды.

- Кандайсыз, таене, денсоолугуңуз жакшыбы? - Камила таенесин кучактап өөп калды.

- Жакшы, кагылайын, өзүң жакшы жүрөсүңбү, кызың чоңоюп жатабы? - Зууракан жээн небересин ээрчите үйүнө кирип кетти. Камила жайланышып отургандан кийин жүрөгүн эзген суроолоруна жооп алыш үчүн таенесине ыктай отуруп алып:

- Тайне, апам кайда экенин билесизби? - деди.

- Апаң үйдө эле, кызым, атаң экөө сен үчүн урушуп-талашып бүтпөй калды го? -Зууракан бирдеме айтууга оозу барбай атканын байкаган Камила:

- Тайне, айтсаңыз, мени атам эмнеге азапка салып жатат, өз баласынын бактылуу болушун эмнеге каалабайт?

- Камила, кызым мени угуп турчу, сага бир сыр айтып берейин…

- Ал эмне болгон сыр?

- Ал сенин өз атаң эмес дегеним…

- Эмне дейсиз? - Камила ордунан тура калды, ошол кезде ал бала кезинде атасынын эркелеткенин эстеп алды. - Жок, тайне, андай болушу мүмкүн эмес!

- Ооба, ишенбейсиң, ишене да албайсың, - Зууракан бир саамга тунжурай калып, анан: - Өзү да андай деп ойлобогонго аракет кылган эле, бирок сен каалаганыңа тийип кетип аны тоготпогондой болдуң, анын бир максаты сени менен орундаларын ойлоп жүргөн, сен анын максатын токтоттуң, өз каалаганыңды ээрчип кеттиң.

- Тайне, эмнеге буга чейин бир ооз айтып эскертип койбодуңар, мен өз атам болсо кечирет деп жүрбөймүнбү?

- Аны айтууга апаң дагы уруксат бербеди.

- Эмнеге? Менин өмүр бою азаптанып жашашымды каалайт бекен? - Камиланын көздөрүндө мөлтүлдөгөн жаш турду. - Жок дегенде түшүндүрүп айтууга болбойт беле?

-Угуп тур. - Зууракан аны токтотту. - Айтып коюш оңой. Түшүндүрүш кыйын. Сен жашсың…

- Түшүнмөкмүн, ушинтип кыйналып, ата-энеси жоктой күн өткөрүп, кызын атасы залогко кармаган имиш деген сөздөргө чыдап, жетимдин күнүн башымдан кечиргенче баарын билсем арман кылбас элем… - Солкулдап ыйлап жатты Камила.

- Апаң жаш кезинде аябай сулуу кыз эле. Эшигибизге күн алыс жуучулар келсе да Жийде эч кимисин жактырбай чамгарактап туруп алды. Бир күнү аны Асылбек ала качып кетти. Бизге киши жибериптир: "кызыңар бизге келин болду" деп келишкенинен ага-тууганды, жеңелери менен сиңдилерин чогултуп, эми жөнөмөк болуп турганда кайра бир киши келип: "Кызыңар качып кетиптир, кайда кеткенин таппай жатабыз" деп келгенде биз дүргүп эле калдык. Аяк-бияктагы тааныштарыбыздан сурап, дайынын биле албай жатканда куш тилиндей кат алдык: "Ата-апа, мени кечиргиле, мен силерди уяткардым. Жашай алмак эмесмин, өзүмдү зордоп жашаганча же өлүп, же качып кетиш керек болду. Ойлонуп отуруп шаарга кетүүнү туура көрдүм. Мендей акылсыз кызыңарды күчүңөр жетсе кечирип койгула, кызыңар Жийде. 1978-жыл", деп коюптур. Унчукпай отуруп калдык. Эмне кылмакпыз, аман болсо болду деп гана ойлондук, таятаңдын аябай жакшы көргөн кызы. Башка балдардан да апаңды айрыкча жакшы көрөөр эле. Арадан бир ай өткөндө келип калды. Жаркылдап күлүп, чырайына чыга түшүптүр. Мен анын сырын тартып көрсөм ал мага:

- Апа, мени кечир, өзүм каалаган жигитке чыкканы турам, сизге кеңешип келейин деп эле келдим, - деп мени өөп койду. - Атама айтпай эле коюңуз, учурунда эле билгени жетишет, - деди.

- Мейли, кызым, өзүң эле бактылуу болсоң болду.

- Бактылуу болом, буйруса, өзү жалгыз бала экен мугалимдикти бүткөн, бир жылдан бери иштейт. Чоң Кеминден экен.

- Кандай болсо да өзүңө жакса болду, кызым, кыз баланын турмуштан орун алып калганы жакшы, ата-эненин да тилеги ошол, каралдым, сенин эле көз жашыңды көрбөсөк болду.

- Эч качан сиздерди түйшүккө салбайм, апаке, менин бир жолу эл бетин каратпай уят кылганымды миң мертебе кечиргиле деп суранам? - Жийде мени кучактап туруп ыйлап жатты, жүрөгүм сыздап кетти. Экөөбүз көпкө кучакташып ыйлап турдук. Жийде эртеси эле шашып кетип, бир жумадан кийин үйлөнө турган болуп атышканда Асылбек шаарга артынан издеп барып, кайра ала качып кетти. Айла жок апаң тагдырына баш ийип, жашап калышты. Абдан жакшы той болду. Таятаң экөөбүз да Жийденин бактысын тилеп отуруп калдык. Атасы дагы жакшы адам экен, кудагыйым андан бетер, Жийдемдин көзүн карап эле жалынып-жалбарышат. Көрүп алып, кудайга ыраазы болуп турдум. Тиги сүйлөшүп тием деген немеси дагы кандай болуп калат эле андан көрө качып кетсе да болбой алды эми баркына жетээр дедим. Жийде Асылбекке алдын ала баарын түшүндүрүп айткан экен, бирок кызым байкуш сүйгөн жигитинен сени түйүп алганын сезбей дагы калыптыр. Билинбей айлар өтүп сен төрөлдүң, Асылбек сени жериген жок, жанындай жакшы көрчү. Бир жолу сени окууга алып барып келгенден кийин облуста иштеген Асылбектин досу атайын келиптир. Аны аялы экөөнү тең аябай сыйлап коноктогондон кийин Баатырбек:

- Асылбек, мына жакшы достордон болуп ынтымактуу жүрдүк, бирге ойноп-күлдүк, жаштыгыбызда дос болдук, эми балдар чоңойду, менде уул, сенде кыз бар. Камиланы өз кызыбыздай көрөбүз, Замир менен Камиланы үйлөнтүп койсок кантет, достугубуз куда болуу менен бүтөт, - деп калды.

- Оо, досум, мен ыраазымын балдар бирин-бири жактырса кой демек белек, сенин сөзүңдү кайтармак белем? - Асылбек Жийдени карайт.

- Ооба-ооба, , балдар жактырышып калса биз каякка бармак элек, - Жийде да колдогондой болду.

- Анда кийинки жумада сөйкө салуу ырымын кылабыз, биз кеттик, - Баатыр аялы Зыйнат экөө сылык-сыпаа коштошуп жөнөп кеткенден кийин Асылбек кубана Жийдени кучактап:

- Жийде көрдүңбү, Баатыр Камилага сөйкө салам дейт, ошондой чоң жерден куда күтсөк мартабалуу болобуз, Камила дагы бактылуу болот, - деп өөп үйгө киришти.

- Асылбек, Камила экөөбүздүн айтканыбызга болоор бекен, ал али жаш, көңүлүнө жаккан-жакпаганын билиш керек, - деп Жийде кезиндеги өз башынан өткөргөнүн эстеп мостое түшөт.

-Эмне, Замирди билебиз го, кичинесинен тааныйбыз, жакшы окууну бүттү, майлуу-сүттүү кызматка турган, эмне экен бир аз улуу…

- Улуулугу го мейли дечи, беш-алты жаш…

- Анан эмне, айтчы Жийдеш, Камиланы Замирге бергиң келбей жатабы?

-Жоок, өзүнө бир кеңешип көрүш керек, адегенде аны чакырып алалы, - деген Жийде сага чалат. Сен жооп бербей коюпсуң. Экөө шаарга барса качып кетипсиң, үйгө келгенден кийин экөө аябай урушушуптур. Асылбек карайып түнөрүп:

- Эгер өзүмдүн кызым болсо минтпейт болчу, уят кылды, жылан баласын койнумда өстүргөн экенмин да, өзүмдүн кызым болсо сөзүмдү укмак, - деп бакырып жер муштагылайт.

- Койсоңчу, Асыл, ушунча жылдан бери өгөйлөбөй эле келип эми болоор-болбоско кызыңды антип жерибе да, бала эмеспи түшүнөөр…

- Кана-кана түшүнгөнү, каратып туруп басып кетти го… Мени атам деп сыйласа кетип калбайт болчу.

- Ал өзүнүн бөлөк экенин билбейт деле, ал дагы сага таарынып жаткандыр, атам эмнеге түшүнбөйт деп, койчу, Асыл, бала немеге таарынып жаманды ойлоно бербей, - Жийде аны жумшартууга аракеттенип жатты. Бирок Асылбек укпай Жийдени шаарга жөнөтөт, ал сени таппай кайра келсе кудалары келиптир. Ошентип кызымдын башына балээ түштү, көзүнөн жаш кетпей көкүрөгүндөгү дарты күчөп ооруп калды. Азыр Жийде жүрөк-кан тамыр ооруканасында дарыланып жатат. Асылбек болсо башын көтөрбөй ичип жатат, ортодо балдарга кыйын болуп жүдөп калышты. Мен алып кетейин десем Асылбек болбой койду, - Зууракан сөзүн бүтүп Камиланы карады. - Кызым, Жийде эми ажырашам деп жатат, бир сенин айыңдан бир бактылуу үйбүлө жабыр тартып калды, инилериңди ойлосоң кыйын абалда… - эне көз жашын аарчып калды.

- Таене, эмне кылышым керек, мен анда биротоло калайынбы? - Камила айласы кете сурады.

- Эми кызың турганда кайра келип эмне бар, болоор иш болду, күйөөң менен жашай бер, кызыңдын тагдыры өзүңдүкүндөй болуп калбасын, садага!

- Эгер мен кетем десем алар мага Аруужанды беришпейт, таене.

- Ар кимге өз урук-тууганы кымбат, баласын эле бейсалака бирөөгө берип коймок беле, атаңдын аны өлтүрөм дегенин укса кармата да койбойт да?

- Ооба да, Денис Аруужанды аябай жакшы көрөт, жанынан чыкпайт, быдылдап тили да чыгып калган.

- Аман болсун.

- Тайне, мен апама барайын.

- Барсаң бар, экөөбүз барып келели, сен таппай убара болосуң, - Зууракан кийине салып, Камиланы ээрчите жолго чыкты. Алар үйдөн чыгып эле унаага түшүп, дароо кардиологияга жетип келишти. Түшкү тыныгуу убагында келишкендиктен аны чакыруу оңойго турбады. Көпкө туруп, анан коридордо келаткан Жийдени көрүп Камила ыйлап ийди.

-Апа?

- Камила, качан келдиң, кызым?

- Жанараак эле, апа, апакебайым, мени кечир, менин айымдан ооруп калган турбайсызбы? - Кантет, адам ооругусу келсе ооруйт да, сен эмне менин жүрөгүмө оору салып коюпсуңбу, кой ыйлаба, Аруужан кана? - Жийде эки жакты карап Денис кошо келгенби деген ойдо элеңдеп туруп калды.

- Аруужанды Деңис алып калды, атам сизди ооруп жатат дегенинен келгем.

-Качан чалды?

-Кечээ, ишенбей кызымды таштап келгем, барып эле кайра келем деп.

-Кой кызым, кайра кет анда, жылуу ордуңду суутпа, кызыңды эми алар сага карматпайт, кызың сенсиз жаман болот, өзүң менен өзүң бол, кызым.

-Жакшы элесизби анан?

-Жакшы болуп калдым, эч ойлонбой жашай бер, кызым, өзүм чыгып баргандан кийин себиңди даярдап барып берем, ага чейин тура тур.

-Апа, сиз атам менен…

- Болду, башка сөздү сүйлөбө, бүгүн эс ал дагы эртең кете бер!

- Апа, мен баарын уктум!

- Эмнени? - Жийде апасын карады. - Бала немеге эмнени айтып санаага салдың, апа, мен өлсөм ошол Асылбектин үйүнөн чыгам, балдарымды томсортуп кайда бармак элем, ал эмне кылмак эле, акыры көнөт да, апа? - Жийде кейигендей жүрөк тушун мыкчый туруп калды.

- Ап-па!

- Чү-үш… - Жийде колун жаңсай туруп калды, Камила кармай калган, ага жалдырай карады. - Мени ойлобо, кызым, өзүңдүн жашооңду, кызыңды ойлон, жөнө кет үйүңө, кет! - деп шыбырады.

- Курган кызым ай, мынчалык эмне азап тарттың каран калган дүнүйө ай, каран калсынчы, - Зууракан кейий карап колунан кармады. - Эс алдыңбы, балам?

- Жакшы болуп калдым, апа, - Камилага карады. - Сен сыртка чыгып турчу, мен апам менен сүйлөшүп алайын, - дегенде Камила чыгып кетти. - Апа, бала немени ойлонтуп эмне дедиң эле, эч нерсени билбеши керек, мен өзүм Асылбек экөөнү ата-бала кылып алам, киришпе биздин жашоого, өз тагдырымды чечкем, акырына дагы өзүм чыгам! - Жийде ушинткенде Зууракан башынан өз билгенинен кое бербеген кызынын көктүгүн билгендиктен көздөрүн ала качып тайсалдай түштү. Жийде аны сезди. - Өх! Жайлагансың го, апа, эмнеге айттың?!

- Эмне деп атасың, эмнени айтмак элем? - Зууракан Жийденин өңү бозоруп турганынан чочуп кетти. - Жөн эс алчы, мен эмнени айтмак элем?

- Мейли, апа, баргыла эми, Камиланы эртең жөнөтүп ий, мен чыккыча келип тур, кирип дары ичейин, бара бер, - деп артына кайрылып палатасына карай басканда Зууракан: "Курган жаным ай, кайдан билдим минтээрин, бала кезден көк эле, мага капа болуп калды го?" деп ойлонуп ооруканадан сыртка чыкты. Камила алдынан тосо:

- Эмне деди, тайне, апамдын абалы жакшы элеби? - деди.

- Жакшы эле, жүрү үйгө барып сүйлөшөлү, - Экөө үнсүз ээрчише маршрутка токтоочу жайга келип, Сокулукка жөнөштү. Жарым сааттай жол жүрүп, пробкадан кармалып келатканда телефону чыр этти Камиланын, караса Денис экен:

- Алло, Денис, угуп жатам, ооба жеттим, апам ооруканада экен, жолугуп кетип атам, Аруужан ыйлаган жокпу? А-а мейли, Денис, мен эртең барып калам, - Камила телефонун өчүрүп койду.

- Күйөөң бекен?

- Ооба, апамды сурады, ооруганы чын бекен дейт.

- Ий-ий бечара, жакшы күйөөң бар экен, айланайын, унчукпай жашай бер, деп койду Зууракан. Үйгө келгенден кийин Нураалы аларды көрүп:

- Жийде жакшы болуп калыптырбы? - деди.

- Жакшы, кайдан дагы ушул ооруга чалдыгып калды билбейм, айтканынан кайтпаган көк кызың ооруганын айтпай жүрүп күчөтүп алган го? - Зууракан кейий сүйлөдү.

- Доктурларга жакшылап сүйлөшпөйсүңбү, Асылбекке өзүм барам, ат-ааңдын оозун урайындыкы, кенебей жүргөнүн кара!

- Ал деле барып атат, анан эмне кылсын, аны урушканда бирдеме табасыңбы, калжаңдабай тим отура берсең, балдарга жаман сөзүңдү тийгизбей, - жаман көзү менен карап койду, - Колуңдан келсе өзү менен сүйлөш, ага милдет кылбай, кыз биздики!

- Ийи, ал эмне экен? - Нураалы маңыроо карады.

- Ал деле сүйлөшөт эми, кеңешип-таңашып алалы.

- Антпесе болбойт, оорусу күчөп кетпесин, балдарыңа, кыздарыңа айт, акча чогултуп баарылап караталы.

Зууракан чалы менен кеңешип-таңашып, сата турган малын дайындап, анан өзү Камиланы коноктомок болду.

- Тайне, апамдын оорусу абдан кыйынбы?

- Жок, кызым, ушундайда алдын алыш керек, сен менден укканыңды ага билгизбе, Асылбекке өз атаңдай, дал мурункудай мамиле кыл. Бир кынтык болсо апаң мага нараазы болуп өмүр бою кечирбейт, жана баарын уктум дегениңде менден баарын такып сурады, ооруп жатканыңды айттым дедим.

- Макул, тайне, ошондо апам сакайып кетеби? - Камила үмүттүү суроо салды. - Мен эчтеке билгизбейм, атамды өзүм деле жакшы көрөм, сагындым, тайне? - Камила ыйлап жатты.

- Ыйлаба, кагылайын, азыр сага өзүң жакшы көргөн тамагыңды жасап берем, эртең эрте тагаң таксиге салып коет, макулбу? - Зууракан ордунан туруп ашканасынан эт алып келди.

- Мен жасайынчы, таене, сиз менин жанымда отуруп сүйлөп отуруңуз, келе мен жасайм, - колундагыны алмак болгондо таенеси бербеди.

- Күйөөгө тийген кыз төркүнгө конок болуп кетет, сен отура бер, садага, азыр кудайга шүгүр алы-күчүм бар, келиндер иштеп эрте кетип, кеч келет, тамагын жасап, кирин жууп эле отурбаймынбы, мынабу бейбаштарды карайм.

- Ошентсе деле, таене, бериңиз мен жасайын.

- Кой, каралдым, андан көрө кайын-журтуң жөнүндө сүйлөп отур, кандай адамдар, кайненең дуруспу, сага тили тийбейби?

- Жо-ок, тайне, жакшы адамдар, кайненем унчуга элек, эки абысыным бар, алар да жакшы мамиледе, кыскасы менин көзүмчө атам жөнүндө сөз кылышпайт, мен өзүм уялып басынчу болдум, - Камила ойлуу жер карап сүйлөп отуруп калды. - Денистин үйбүлөсү ынтымактуу, тарбиялуу адамдар, үч келин бир үйдө жашайбыз, ар кимибиздин өз бөлмөбүз бар.

- Кут кылсын, садага, кудай бактыңды ачсын, мен Жийде чыккыча колумдан келгенин жасай беремин да, ал чыгаары менен артыңдан сеп алып барабыз. Жинди атаң деле агуруп жүрүп акыры эпке келээр, Алина деле чоңоюп калбадыбы, ошондо түшүнөт, сен ага кек сактаба!

- Тайне, бир сөз сурайынбы?

- Сура, сурай гой… - Зууракан небересин элейе: "бул чунак эмнени сураганы атат, ка-ап айтпай койсом болмок экен" деп заматта ойлоно түштү, - Сура, садагаң кетейин.

- Тайне, менин атам ким?

- Эмне дейт, чунак кыз.

- Сиз апамдын сүйлөшкөн жигити ким экенин билесиз да, мен ошол кишиге окшош болсом керек ээ? - Камила бул ирет таенесин кучактай жылмайып койду. - Туурабы, Чоң Кеминден дебедиңизби.

- Арам чунак, кайдагыны ойлонуп ийдиң, мен аны тааныбайм, - Зууракан ары карап басып кетти. - Мага тоскоол болбо, тамак жасайын, - эмне деп жооп берээрин билбей алаксыган болду.

- Апам шаарда жүрүп, келгенде Чоң Кеминдик мугалим жигитке турмушка чыкканы жатам деген дедиңиз го?

- Жөн отур, мен ишимди кылайын.

- Тайне, айтпасаңыз өзүм издеп табам!

- Ыя-а?!

- Издейм, атам мени ошентип жерип жаткан болсо өзүмдүн атамды издеп табам.

- Сен жинди болдуңбу, апаң укса эмне болот?

- Акыры ачыкка чыгат да, мени жеригенин көрүп туруп эми аны ата дебейм!

- Өлүгүңдү көрөйүн десе чечек кыз экенсиң го, энең укса ого бетер ооруп калат, оозуңду басып жүр! - Зууракан небересине ачуулана карады. - Сен ээнбаш кыз, тынч жүр, эгер бир чети билинсе ажалынан мурун өлүп тынат, оозуңду бас! - Зууракан ордунан туруп жанына келди. - Эсиң барда этегиңди жый, өзүм билемдик кылып, айтканыңдан кайтпай жүрүп энеңдин оорусун күчөттүң, үйүндө тынч жашай албай калды, дагы эмнени ойлоп таптың?!

- Тайне-е, - Камила башын мыкчый ыйлап жата калды. - Эмне кылышым керек, мени элге- журтка шылдың кылып, алып келгендерин албады, кызындай кадыр күтпөдү, анан эмне дешим керек, кызымды өлтүрөм деди, ошого кантип оозу барды?

- Болду эми ыйлаба, эс ал, айланайын, - Зууракандын боору ооруй кайра артына кетти. Ичинен аны аяп жатты: "Куураган жашоо, кандай гана тагдырларды буйрудуң пендеңе, бей күнөө пенделериңди неге кыйнайсың, жараткан! Балдарымдын жамандыгын көрбөсөм экен, көз жашын, кайгысын көрбөй жакшылыгын көрүп, аманат дүйнөңдөн бейкапар өтсөм экен" деп ойлоп тамак-ашын даярдап, жан-алы калбай кыбырап жүрдү. Кеч киргенде Нураалы келди, анын артынан эки уул-келиндери, чоңураак балдары менен базардан келип калды. Эки келини келгенден кийин гана казан-аягын өткөрүп берип, "өх" деп отуруп калды. Камила ыйлап жатып уктап калган эле, улуу баласы Данияр төрдө жатканын көрүп:

- Бул ким? - деди апасына.

- Камила апасынын ооруканада жатканын билип көргөнү келиптир, уктап калган тура, чарчап калган го байкуш.

- Кызын таштап келиптирби?

- Ооба.

- Тамак ич дебейсиңерби! - Нураалы сырткы үйдөн үн салды. - Жолдо чарчаган неме көңүлү да жайында эмес, ойготкула!

- Камила, ээ Камила, тур, тура гой, - Мадияр аны акырын түрттү, - Туруп тамак ич. Камила ойгонуп ордунан туруп, тагалары менен учурашты да, тамак ичкен бөлмөгө кирди. Чогуу отуруп тамактанышты, эч кимиси ашыкча сөз сүйлөбөдү, уулдары ичип туруп кетти, келиндери идиш-аяк жууп ашканасында. Неберелери эбак эле уктаган. Камила унчукпай ордуна жатып алды. "Чунак кыз, атамды издейм дегенин кара, кайдан издейт ошол солтонун баласы ушуну эле күтүп турат дейсиңби, атадай болуп намысын көтөрүп койсо го" деп ойлонуп Зууракан чалынын жанына кыңкайган менен уйкусу келбей түйшөлө берди. Асылбек алгач Жийдени ала качып кеткенде, аны жактырбай Жийде ошол эле күнү качып чыгып, шаарга кетип калган. Шаардан Бектемир деген жигит менен таанышып, экөө үйлөнөбүз деп атканда Асылбек Жийдени кайра ала качып кетет. Ошондон кийин Бектемир үйлөнбөй жүрүп көптө үйлөнүптүр. Асылбектин ата-энесин кыя албай гана отуруп калганын билбей "Жийде мени алдап кетти" деп аны жек көрүп калат. Анын баарын Зууракан менен Нураалы кийин билет, андан эмне чыкмак эле. Түнү бою ушуларды ойлоп чыккан Зууракан таңга маал гана көзү илинди.

Эрте турган Камила айылга кетмек болуп таенесин ойготоюн деп кирсе уктап жатыптыр, ойготпой кетип калайын деген менен көңүлү тынбады, акырын келип:

- Тайне, мен кетип жатам, - деди.

- Аа-а, балакетиңди алайын, кой бирдеме ичип чык, жолуң болооруна жакшы, - Зууракан ордунан туруп сыртка чыгып келип, чай берди. - Жолдо ачка болосуң, садага, шашпай кардыңды тойгузуп, анан чык.

- Жүрөгүмө эчтеке баспай турат, - деп бир чыны чай ичип ордунан турду. - Жакшы калыңыз, тайне, - Камила жолго чыгып маршрутка тосуп, ооруканага жөнөдү, ал апасына жолукпай кете албады. "Ушул бойдон качан келем билбейм, алтыным апакем ай, мен деп өмүрүңдү бейпайга салдың, ээ кудай, мендей дагы мерез бала болобу, энемди азаптын чеңгээлине салып коюп басып жүргөнүмдү кара. Кызым чоңойо берет, алар кор кылбайт, багып алат, мен кетпейм да апамды карайм" деп ойлонуп ыйлап баратты. Камила күтүп калды, Жийде укол алып жаткан экен, араң басып келаткан апасын көрүп муңкана көзүнүн жашы төгүлүп турду. Жанына келген Жийдени кучактап алып буркурап жатты:

- Апакебай, кечирчи мени, таптаза жаныңды оорулуу кылган менмин, мени өз колуң менен өлтүрүп салчы!

- Болду, болду, кызым, сен эми чоңоюп балалуу болуп калбадыңбы, токтоо бол, садага, мен мурунтан эле акырындык менен ооруп жүрчүмүн, - деди Жийде анын чачынан алсыз колу менен сылай, - Ыйлаба, күчүгүм, ыйыңды токтот да кет, - деди.

- Кетпейм, мен сизди карайм, эч жакка кетпейм, апа. Эми мен Денисти да, Аруужанды да таштайм, эми сизден башка эч кимдин кереги жок!

- Акылыңдан азба, азыр кызың менен күйөөңө кеткин, мени апам десең өз үйбүлөңөрдү сактагыла, баргын дагы тынч жаша!

- Апа?

- Болду деп атам, сөзүмдү кайрыбай тез жөнө, мени өз жайыма кой да жөнө! - Жийде кызына кайраттана күч менен айтканда ал ыйлап бетинен өөп-өөп алып:

- Апа, апакебайым менин, мени кечире көр, жакшы болуп кетиңиз, тайнемдердин телефонуна чалып билип турам, - деген Камила жөнөп баратты. Ылдый түшүп кеткиче босогодо телмире туруп, анан палатасына кирип кетти, эненин ичинде борошо урган бурганак улуп турду. Баланын бары да балаа, жогу да балаа деген ушу да, энеси мында, кызы анда, санаанын чеги жок айдыңында жүрөгүн ак карлуу аяз тоңдуруп ичтен боздоп жатты. Камила автовокзалга келип таксиге отурду да, айылга жөнөп кеч күүгүмдө жетип келди.

- Кудагый кандай жакшы болуп калыптырбы? - деди адеп көргөн Ажар тосуп алып. - Шашпай бир-эки күн туруп келсең болмок экен.

- Апам болбой бара бер деди, жакшы экен, кызың ыйлап калат деп жиберди.

- Аруужан ыйлаган жок, тепилдеп ойноп жүрөт, деги сени ойлогон да жок, - дегенде Камиланын жүрөгү зырп этип алды: "Ырас эле ал мени унутуп калат да ээ, ушул бойдон келбей койсом билбей да калмак, Денис башкага үйлөнсө апа демек да энесин билбей өсмөк. Алтыным апакем ай, акылманым менин, мени баласынан, алганынан ажырабасын деп ушинтти да" деп ойлонуп үйгө кирсе Аруужан балдардын арасында отуруп алып бети-башы ботала болуп ойноп жатыптыр, Камиланы карап тим болду.

- Аруужан, Аруужан! - Камила отура калып кызын колуна алып, көтөрүп өпкүлөп кирди. - Аруу, Аруужан.

- Айлан, айлан ичем, - деп наристе андан боюн ала качып жерге жулунду, - Айлан иче-ем.

- Мени унутуп калдыңбы, Аруу? - Отургузуп маңдайына келди.

- Ооба, - деп чыныны көтөрүп, чекесине түшкөн айранды ичип жатты.

- Тим кой, балдар менен ойной берсин, өзүң чарчагандырсың, кардың да ачкандыр, кел тамак ичип ал, - Аймира кеселерге тамак куюп жаткан, Денис келип калды.

- Эмне болду, апаң жакшы болуп калыптырбы?

- Жакшы, - жер карап мелтиреди.

- Атаңчы, Камила, бизди кечире турганбы деги?

- Кечирет да…

- Ошондой болсунчу кайнатам менен шахмат ойноп отурсам кандай жакшы, - Денис күлүп калды. - Кошомат кылып пара берсем да кайнатам менен табышсам болот эле го?

- Болду калжырабай, чарчап келди байкуш, эс алсын, - Ажар уулун тыйды. - Кайнатаң менен буйруса бет келишип сыйлашып да отураарсың, эмеле убакыт келет, балам, келиним жакшы, башкасы ордуна келээр…

- Бүлөөң жакшы болсо баары жайында болот, кемпир, келиндерибиз жакшы, парвардигар, ынтымак болсо ырыскы өзүнөн-өзү баш багат, балдарга экөөбүз баш-көз болсок алар ынтымакта болушат, - Калмурат ордунан тура сакалын сыйпады. - Илгеркилер ар бир баласын тегерете өргөө тигип бөлүп коюп, бир казандан аш ичип эле келишкен. Эми заманга жараша келиндер бөлүнөбүз деп жатпайбы, болбосо батат эле го, огороддун этегине бири үй салып алса, бири биякка, жер кенен. Дениске болсо бул үй калат, мал болсо турат, өздөрү каалаганын алып, калганын сатып, кайра өстүрүп жашай берсе болот да?

- Жаңы заман деген жаңы заман, балдарды эркин кой, өздөрүнчө жашасын, энчини үчөөнүн көзү кылып туруп бөлүп бер!

- Калыс бөлгөнүбүз туура, кемпир, мейли шаар көрүп өз билгенинче жашап келсин, айтканыңда чындык бар, атаң барда эл тааны деген, Азимди шаарга жөнөтөлү анда. Биз Денис менен келинди жаныбызга алып, жашообузду өткөрө беребиз, канча жашарыбызды ким билет? - Калмурат ушинткенине Аймиранын кубанычын айтпа, сыртына чыгарбаса да ичинен кубанып, Азим келгиче зорго чыдап, улам эшикти карап жатты…

Көп өтпөй эле Калмурат аксакал Азимди да кыйналбагыла деп колдоруна акча берип шаарга жөнөттү. Денис үйдө калды. Камила тың келин болду, үй тиричилигин алып таза кармайт. Алмаздын үч баласы, Азимдин эки баласы болуп үй толо, өзүнүн Аруужаны кийген кийимин бияктан кирдетип, алты баланын түйшүгү өзүнчө. Кабагым-кашым дебей түйшүктү аркалаган Камила телефон менен бат-бат сүйлөшүп турат. Жийденин ал-абалы жакшырып ооруканадан чыгып, өз үйүнө кеткенин угуп, бир топ кубанып калды. Телефондон Зууракан ага минтип айтты:

- Камила каралдым, эч кабатыр болбо, Жийде жакшы болуп калды, Асылбек кечирим сурап үйгө алып кетти, жакында силерди чакырганы жатат. Камила, сен мен айткан сөздү унут кызым, апаңа сени эчтеке билбейт дедим, атаңа кадимкидей мамиле кыл, кечир аны.

- Ооба, тайне, иши кылып экөө бирге жашаса болду, иним менен сиңдимдин томсоруп отурганын көргүм келбейт, - деп Камила кубанганынан ыйлап жатты.

- Садага кетейин десе, ыйлап жатасың го, кой. балакетиңди алайын. ыйлаба, баары жайында болуп калды.

- Макул, тайне, апама салам айтып коюңуз, макулбу?

- Болуптур, секелегим, эч ойлонбо, жакында сени үйгө чакырабыз, кызыңды өөп кой.

- Мейли, таятама, тагамдарга салам айтыңыз, - деп телефонун өчүрдү: "Оо кудай, атам бизди кечириптир ээ, эми Дениске айтайын, ал дагы сүйүнөт" деп толкунданып алды. Күн сайын эсине таенесинин сөзү түшүп, телефондун коңгуроосун күтүп жатты. Күткөн күн улам алыстап чыдамы кетип, кабагы бүркөлүп санааркап баратты.

- Камила, сага бирдеме болуп жүрөт, баштагыдай эмессиң, айтчы, жаным, сен мен деп ата-энеңе жаман көрүндүң, чыдай турчу, - деди бир күнү Денис. - Эч жериң ооруган жокпу?

- Жок.

- Анда неге капасың?

- Сага ошондой көрүнүп атса керек?

- Жок, сен мындай эмес элең.

- Мен жакшы элемин, кам санаба, - деп койду Камила суз гана. - Мен сени сүйүп калганымдан баарына кайыл болгонмун, Денис, мен сендикмин.

- Алтышкам менин, - экөө аймалаша кетти. Түн, алардын шыбыры, шыңк-шыңк эте этияттанган үндөрү угулуп көптө барып уйкуга киришти. Камиланын абалын байкаган Ажар, "Байкуш, ата-энесинен кабатыр болгону аз келгенсип, түйшүк дагы жүдөтүп ийди окшойт, көп бүлөнүн түйшүгү оор келди окшойт. Шаарда өскөн немени айылдын түйшүгү кыйнап койду, өзүм жардам бербесем болбойт" деп ойлонуп алды. Ошол күндүн эртеси телефон чырылдап калды, сырткы бөлмөдө жумуш менен алектенип жүргөн Камила жүгүрүп кирип караса Денис экен, супсуну сууй түштү.

- Алло, угуп жатам.

- Камила, мен азыр барам, апама айтып камынып тур, Аруундун туулган күнүнө барабыз.

- Мен барбайм, өзүң эле бара берчи.

- Эмнеге, экөөбүз барабыз.

- Денис, менин башым ооруп жатат.

- Алаксып кетесиң. - Денис телефонун өчүрүп койду. Камила ойлуу отуруп калды, досторунун баарын билчү, аялдары менен келип-кетип турушчу. Аруужан төрөлгөндө да чогуу келишкен: "Эмне кылсам, өзү келип айтаар, унчукпай эле коеюн" деп отурганда Денис шашып кирип келди.

- Сага эмне болду, балам? - Ажар аны көрүп эле чочулай сурады.

- Апа, Аруундун туулган күнү, Камила экөөбүз барып келеличи? - деди Денис.

- Мейли, балам, жолдошторуңа барба демек белем, адам адам менен адам.

- Камила, бол кеттик, күтүп калышты! - Үйгө кирип мелтиреп отурган Камиланы көрүп, - Болбойсуңбу балдар күтүп калышты, - деди.

- Денис…

- Бол дегенден кийин бол эрте, досторумдун арасына алып барып көңүлүңдү көтөрүп келейин, - артын карап алып, "апам келип калабы" дегендей саксына кучактап өөп шыбырап алды. - Бол эми элди күттүрүп койгон болбойт.

- Азыр, - Камила кийинип алып, Денис менен жөнөдү. Ал күнү аябай жакшы отуруп көңүлү абдан көтөрүлдү, аяштары менен тамашалашып түнү бою ырдап-бийлеп, чери жазылып таңга маал келишти. Денис экөө тең бир аз ичкенге ата-энесине билгизбей бут учу менен басып бөлмөсүнө өтүп кетишти. Аруужан болсо чоң энесинин койнунда. Экөө ээн-эркин кучакташып, махабаттын жалынына какталып ырахатка батышты:

- Жаным, мындан ары капаланбай жүрчү? - Денис кучагындагы келинчегин өөп суранып жатты, - Макулбу?

- Макул, эми эч качан кабак бүркөбөйм.

- Сарсанаа болбо, кайнатам бир күнү кечиргиле деп өзү келет.

- Ошондой болсо кана-а? - Камила улутунуп алды.

- Кабатырланба, ырысым, сен ак жолтоюмсуң, кыздуу болдук, мени ушундай бир бактылуу кылдың, - Кыса кучактап мойнунан жыттап алды.

- Болду эми уктайлы, эртең уктап калсам уят го?

- Эчтеке болбойт, апам менен атам алтын да, сени капа кылбайт.

- Ошентсе да, - Камила көзүн жумуп жатып алды эле Денис аны көздөрүнөн өөп койду:

- Эс алалы ээ?

- Ий-ий, - үндөрү чыкпай калды, терең уйкуга батып жатканда таң агарып жерге жарык кирип, адамдар тиричилигин уланта баштады.

- Ботом, түндө Денистер келди бекен? - Ажар акырын ички бөлмөгө баш багып, келин-уулунун бир кишидей кучакташып жатканын көрүп кетенчиктей кетти: "Ээ айланайын жашчылык кандай гана сонунсуң ээ, мейли кагылайындарым ушинтип эле жүрө беришсин" деп купуя жылмайып алып, сыртка чыгып кетти. Түшкө жакын гана Камила ойгонуп, кайненесинен уяла жуунуп алып, тамак жасаганга киришти.

- Балам, кайра-кайра тамак жасай бербей кечинде эле жаса, балдарга жарма жасап койдум, ошондон ичип алышат, Аруужанды карачы чыркырап ыйлап калыптыр.

- Азыр, - Камила кызын көтөрүп ары-бери басып жүрдү, - Аруужан, эмне болду, кызым?

- Апа-апа, бачым ойуп атат.

- Ананайын десе, кызым жакшы кыз ыйлабачы, ээ?

- Ыйлабайм.

- Жакшы кызым бар да, - Эркелетип үйгө кирип баратса телефондун үнү чыкты, шашыла "Атамдарбы" дегендей караса Денис:

- Алло, Камила, эмне кылып жатасың, мен сени сүйө-өм! Жаны десе, капаланбай эле отурасыңбы? Мен жумуш бүтсө эле барып калам, капаланбай отур, ээ? - деп телефонду өчүрүп койду.

- Жинди, - деп алды Камила күйөөсүнө ыраазы боло: "Эх сүйүү, апам дагы атамды ушундай сүйсө керек, же сүйгөн эмес бекен, мен анда сүйбөгөн адамдан төрөлгөн болуп каламбы. Неге мени ал издеп келген жок, апам жакшы болуп калса сөзсүз атам жөнүндө сурап алам, эмнеге айтпасын айтып берээр, өз атамды көрүшүм керек да" дегендей телмирип отурду. Күтүү, сагыныч менен күндөр өтүп жатты. Телефону чыр этсе эле үмүттүү номерине наз салат, бирок башка, өзү чалып көрөйүн дейт бирок даабайт. Анан таенесинин айткан сөздөрүн өзүнчө уккусу келбей жыйрылып кетчү болгон. Аларга караганда кайнене-кайнатасына сүйөнүп, ошолорго ылым санай баштаган эле. Бир күнү анын телефону кокусунан чыр эткенге чоочун номерди көрүп ала койду:

- Алло, бул ким экен? - деди эле ары жактан жагымдуу сүйлөгөн жигиттин үнү угулду.

- Камиласызбы?

- Ооба, а ким сурап жатат?

- Камила, кандай, мен Замирбек тааныган жоксуңбу?

- Замирбек?

- Ооба, аяш атаңдын баласы, Баатырбектин баласы эмесминби?

- Аа-а …

- Өзүң кандай, Камила?

- Жакшы.

- Сүйлө.

- Эмнени сүйлөйм?

- Мен сени чоңойсун деп жүрсө күйөөгө тийип кетипсиң, жүрөктү сооротуш оңойго турбады, мен дагы үйлөнгөм, сүйбөгөнүмдөн кетирип тындым.

- Ийи…

- Камила күйөөңдү аябай сүйөсүңбү?

- Анын сизге кереги эмне?

- Мен сенин элесиң менен сүйлөшүп жашап жүрөм, жок дегенде сүйөөрүмдү айта албаганыма өкүнүп жүрөм.

- Экөөбүздүн ортобузда сөз болушу мүмкүн эмес! - Камила телефонду өчүрүп койду эле, кайра-кайра чала берди, жадаганынан алды да, катуу урушмак болду. - Сиз түшүнүктүү адамсыз, менин үйбүлөм, кызым бар, экинчи чалбаңыз!

- Камила, токтой тур, сөзүмдү уксаң.

- Угууга убактым жок! - Өчүрүп салып алдындагы кызын жаткызып коймок болуп, бир колуна кызын көтөрүп алып, жаздыкка бир колун сунду. Телефон чырылдап жатты. Аруужанды жаткызып телефонду коюп сыртка чыкты. Жаагы тынбай чырылдаган телефонду Денис келип караса Асылбектин номери экен.

- Камила, кайната чалып жатат.

- Ыя? - Камила бир саам делдейе түштү, ал күткөн мүнөт, бирок алгысы келбеди. Эгер Замирбек болбогондо кубанганынан алып сүйүнүч менен ал-абалын сурап, апасынын денсоолугун сурамак. Эми алгысы келбеди: "Мени алдап чакырып алып, Замирге бергиси келип атса керек, тапкан экен алданганды" деп ойлонуп калганда Денис ага телефонду алып келип берди:

- Алып койчу, кайра-кайра чалып жатат.

- Эмне дейм?

- Учураш, апаңдын ал-абалын сура.

- Макул, - деп телефонду кулагына алып барды, - Алло… аа-а, апа, кандайсыз, колум бошобой эшикте жүргөм, ооба-ооба… Качан? - Камила телефонду басып койду, анткени Асылбек аны: "Камила" дегенде эле өчүрүп салды. Кайра чалды. Камила калтырай алып тыңшап калды, үнүн чыгарбай тыңшап тура берди.

- Алло, Камила, эмне унчукпайсың, ало-о угуп атасыңбы? - Асылбектин үнү өктөм чыгып жатты. Камиладан үн чыкпай койгондо Жийде алды, - Алло, Камила, эмне унчукпайсың?

- Апа, апа, жакшы болуп калдыңызбы?

- Жакшы, кызым, кийинки жумада келип калгыла, сени үйгө чакырып алалы деп сүйлөшкөнбүз.

- Апа, чындап элеби же Замирбекке кайра бергени жатасыңарбы?

- Эмне дегениң ал, жөн эле чакырып алалы деп жатабыз.

- Замирбекке менин телефонумду ким берген?

- Ким бериптир? - Жийде кайра өзүнөн сурады. - Мен билген жокмун.

- Замирбек бүгүн чалыптыр, үйлөнүп ажыраштым дейт.

- Кызык го? - Жийде таңгалып калды. Камила телефонду өчүрүп койду, ата-энеси урушуп жаткандай туюлду: "Эмнеге айттым экен, эми апам дагы ооруп калбаса болду, кудай ай, болбогон нерсени эмне айта салдым, кандай ойлободум экен, азап-тозок жандап алаарын кайдан билдим" деп капалуу отурганда кайра телефону чырылдады. Алып:

- Угуп жатам, - деди.

- Камила, ал атаңдан жөн эле сурап алган тура, сени куттуктамак экен.

- Макул, апа, биз бара албайбыз, андан көрө өзүңөр келип кеткиле.

- Эмнеге келе албайсыңар, деги жакшы эле жашап жатасыңбы, Денис жүрөбү, Аруужан чоңоюп калдыбы?

- Сүйлөп, жүгүрүп жүрөт, апа, Денис жакшы эле, жашоом ойдогудай, эки-үч жыл барбай жашай берейинчи?

- Жо-ок, мен анда атаң менен сүйлөшүп көрөйүнчү, эртең чалам, - Жийде телефонду өчүрдү. Камила кечки оокатына камынып жатты. Денис үйдө телевизор көрүп жаткан. Ал телефон чырылдаганынан алып, чоочун номерди көрүп кулагына басты.

- Алло, бул ким?

- Сен Камиланын күйөөсүсүңбү?

- Ооба, эмне болду, кимсиң өзүң?

- Мен Камиланын жигити элем, экөөбүз сүйүшүп, жада калса жатып жүргөнбүз. Сен анын кыз эместигине кайыл болуп алган өрт жигит экенсиң, мунуңа караганда аны абдан сүйсөң керек?

- Байкап сүйлө, мен Камиланы кыз бойдон алгам, ичи күйүп кала берген бирөө болсоң керек? - Денис жини келип телефонду өчүрүп койду. Бир аздан кийин маалымат келди, Денис караса: "Сүйүүнүн эки жагы болот, бир жагы катуу сүйгөн адам анын кыз-келинине карабайт, экинчи жагы камакка түшүүдөн коркуп үйлөнүү, сен аны сүйбөйсүң, жөн гана алданып жүрөсүң, мен анын бирөө менен жатып алганынан таштап койгом" деп жөнөтүптүр. Денис ачуусу келгенинен жаактары түйүлө отуруп калды: "Чын эле ошондойбу, жо-ок биринчи түндү билбей калгыдай мас болбосом, атайын бузгусу келип жаткан немедир" деп ойлонуп тамактанганы чыкты, улам Камиланы карап коет. "Кантип эле атасы эми ушул жол менен ажыратканы калган экен, жана эки-үч жыл барбай эле коеюнчу дебедиби, бир нерсени сезип жаткандыр, мен Камиланы сүйөм" деп ойлонуп отуруп тамак жүрөгүнө анча баспады. Камила күндөгүдөй эле идиш-аягын жууп-тазалап, балдардын төшөгүн салып берип, кайнене-кайнатасына орун даярдап, анан өз бөлмөсүнө келди. Денис күндөгүсүндөй эмес экенин байкап:

- Чарчагансың го, эртерээк жатып эс ал, буудай орулуп бүтүп калдыбы? - деди.

- Жок, чарчаган жокмун, - деп Денис үңкүйө телевизорду караганынан жазбай жооп берди.

- Анан эмне кабагың бүркөө?

- Сага ошондой сезилип жатса керек?

- Жинди, күндө жанымда жүрөсүң да кечке телефон чала бересиң, бирдиктер кетип жатпайбы? - Камила эркелей күйөөсүнүн мойнуна колун ороду.

- Сагынып кетип жатсам эмне кылам?

- Алтыным, бизди эч ким бөлө албайт, кандай тоскоолдук болсо да жеңип чыгабыз, анан бактылуу болобуз, ээ?

- Сөзсүз, жеңип чыгаарыбызга көзүң жетеби?

- Эмнеге, сен үчүн керек болсо атамды кечип коем!

- Кой, ата-энесин кечип койгон болбойт.

- Менин бактылуу болушумду ойлобосо кантип кечпейм, Денис, бүгүн баягы мени алып берем деген аяш атамдын баласы чалыптыр…

- Эмне дейт?

- Эмне десин, мен аны келгенде эле көрбөсөм жакшы билчү эмесмин, мен сени сүйчүмүн, аял алып сендей сүйө албай ажырашып кеттим дейт, өчүрүп салдым.

- Сен эмне дедиң? - ушинтип сураган менен: "Демек ошол экен да, мени намыстанып таштап кетет, ажырашат деп оюн коюп атышкан экен, бу кайната кызын көп акчага сатмак, биз деле жакшы алып бардык, андан артык болмок беле, кыскасы айылга тургузгусу жок" деп ойлонуп жатты:

- Мен күйөөмдү сүйөм, экинчи чалба, таалим-тарбиялуу, билимдүү адамсыз, бизди тынч коюң деп өчүрүп салдым.

- Ошондой де…

- Ошондой, мырзам, сени өз жүрөгүм, дилим менен сүйгөм, сенден бир мүнөт айрылып калсам өзүмдү өлүп калчудай сезем.

- Чын элеби? - Денис Камиланы көтөрүп алып жаңы эле салынган төшөккө алып барып кучактап жатып калды. Аруужанды буту баскандан эле Ажар алып жатчу, кыз дагы такыр андан калбай ээрчип турат, Денис менен Камиланы анча билбейт. Экөө көпкө чейин төшөктө оонап жатты. Денис чоочун бирөөнүн сөзүн айтпай катып койду, өзү каалап, сүйүп алган жарын кыйнап кыжаалат кылгысы келбеди.

Эртеси Денис таң ата жармасын алып, Калмурат экөө буудай орокко кетти, Азим да алар менен. Аймира болсо качан бөлүнүп кетебиз дегенде эки көзү төрт. Өткөндө барып эле кайра баса беришкен. Эми буудай орок бүтсө кетишмек, күткөн күн келгенче тынчы кетип жатты. Анын бөлүнөм деген ою ишке ашабы, жокпу ойлогусу да келбей жүрөгү алып учуп жүргөн. Денис менен Камиланы кайра-кайра чакырып жатканынан аргасыз шаарга кой союп, таттууларын мол алып, кийит-кече менен жөнөтүштү. Азырынча күйөө балабыз менен кызыбыз келип кетсин дешиптир. Алар Аруужанды алып жөнөштү, жүрөгү түпөйүл болгон Камила жол бою ар кайсыны ойлонуп баратты. Жетип короонун жанына такси менен токтогондо эле иниси Насыр менен сиңдиси Алина жүгүрүп келип, анын артынан Асылбек менен Жийде чыгып, жакшы тосуп алышты. Жийде эне эмеспи, кызын өөп кучактап жыттап:

- Кагылайын каралдым, шириндерим десе, кыйналбай эле келдиңерби, Аруужан кыйналган жокпу? - деп анан Дениске карады. - Кел, балам, куда-кудагый жакшы жүрүшөбү, аман-эсен келдиңерби? - Денисти бетинен өптү. Кезек Асылбекке келди, ал Камиланын бетинен өөп:

- Кечир, кызым, бир аз капа кылып койдум, ага таарынба, - деди да Денис менен учурашты. Иниси менен сиңдиси Аруужанды көтөрүп алып үйгө киришти.

- Бизден кеткенди түшүнгүлө, балдарым, бир аз түшүнбөстүк кетти, - Асылбек башын жерге сала кечирим сурап отурду.

- Эчтеке эмес, ата, мындай боло берет, сиз бизди кечириңиз, туура эмес кылдык окшойт. -Денис өз оюн айтып, кайнатасы менен сүйлөшүп отурду. Камила аны көзүнүн кыйыгы менен карап: "Кантип мен ушу кишини өгөй атам деп айтам, кандай гана жакшы көрчү элем, ичим муздап да калды, эртерээк эле кетип калалы, апамды көрдүм, экинчи ата деп айтууга да оозум барбай калды" деп ойлонуп жатты. Заматта кой оозуна чөп албаган момун боло калганы аны аябай таңдантты. Кеч кирип калганда Зууракан эки баласы, эки келини болуп келип калышты.

- Кандай, айланайын, жакшы келдиңерби? - деп Зууракан Камила менен Аруужанды өөп анан төргө отуруп калды. Данияр менен Мадияр жээни менен учурашып отуруп калышты. Бака-шака болуп Денис менен Камиланы коноктоп жатышты. Денис абдан ыраазы болуп отурду. Камиланын жүрөгү түпөйүлдөнүп өзүнчө жаман абалдан чыгалбай жатты: "Эмнеге менин жүрөгүм тынчсызданып жатат, эмне үчүн, ата-энеме да келдим, мени кечирди. Жакшынакай болуп Денис экөөбүзгө ак батасын берип жатат, анан эмнеге жүрөгүм кыжаалат?" деп ойлонуп, алардын сөзүнө кулак салбай жатып алды. Аруужанды уктатам деген шылтоо менен өзү да уктап калган экен. Жийде келип ойготту:

- Камила, тур, тура гой, тамак бышты тайнең чакырып жатат.

- Аа-а, уктап калган турбаймынбы, кайненеме көнүп алып, зорго уктабадыбы, - Камила туруп конок үйгө кирди.

- Капырай, уктап калдыңбы, качантан бери чогуу боло элекпиз, ата-энеңди сагынган чыгаарсың, отура гой, садага, - деп Зууракан жанына отурган небересинин чачынан сылап койду.

- Сагынбай анан, бир чоочун үйгө бүлө болуп баруу оңой бекен, апа, - деди Даниярдын аялы Света.

- Ошону айтсаң, садага болоюн, эми тез-тез келип турушат, - деп Жийде кызына мээрим төгө карады.

- Мен аякка көнүп калдым, - деп Камила күлүп койду.

- Кыз ошо да, өзү чоңойгон үйдү бат унутуп, чоочун жерге көнүп калат, анткени ал өз жери, өз эли болуп калат да? - Данияр күлүп калды. - Камила дагы өз жерине көнөт, өмүрү ошол жерде өтүп, өнүп жүрө берсин.

- Ооба, айланайын, өзү менен өзү болуп бак айтсын, - дешип түн бир оокумга чейин отурушту. Жатууга келгенде гана бөлмөгө киришти.

Эки күн туруп, анан аларды жолго узатышты. Камила абдан ыраазы болуп, Денис экөө кызын алып кетип жатты. Негедир Камиланын жүрөгү бир нерсени сезгендей болк этип алды: "Кудай ай, эмне болуп жатам, тынчыраак жетип алсак экен, эмнеге эле жүрөгүм опкоолжуйт, кудай сактаса экен, жамандыктан сактай көр" деп баратканда машина жол жээгине токтоп калды, таксист экөөнөн башка киши алган эмес, эми эле Сосновкадан өтүп калган.

- Эмне болду, байке? - деп Денис сураганда ал бир аз машинасы бузулуп жатканын айтты:

- Отура тургула, оңдой коеюн, бат эле жетип калабыз, жакшылап карап алайын.

- Түш ооп кетти, жарыкта ашууну ашып кетсек жакшы болот эле, ашууга кар жаап коюптур.

- Кам санаба үкө, жеткирем бат эле, - деп машинанын алдына кирип кетти, күзгү чыкыроон үшүтүп турган убак болгон соң жерге түшүп жол тосууга болбоду, тоссо деле баары толо болгондуктан токтобой өтүп жатты. Кеч кирип күүгүм киргенде гана:

- Кудай жол берсе жетип калабыз, - деп айдоочу машинаны айдамак болуп орундукка отуруп, от алдырып жатканда алардын каршысына бир мерс токтоду да, үч эркек түшүп келип бири шоферду коркутуп тапанча такап Денис экөөнө:

- Кыймылдасаңар ит аткандай атам, - деп экөө Камила менен кызын чыркыратып, машинага салды да, жөнөп кетти. Денис коркуп туруп калган эле, аялы менен кызын эстей коюп машинадан түшүп жүгүргөндө айдоочу:

- Ээ иним, өлгүң келбесе бас бери, колдорунда мылтык бар экен, жүрү эми каякка, посттогу милицияга эле баралыбы? - деди.

- Билбей калдым, барса баралы, сиз кечке туруп албаганда бул балээ жок эле, - Денис акылынан азгандай эмне кылаарын билбей айласы кете сүйлөдү.

- Бузулуп калса эмне кылайын? - деген болду айдоочу күңкүлдөй.

- Сизде да бир иш бар, эмнеге атайлап бул жерден жылбай туруп алдыңыз, сиз тааныйсыз, сиз жооп бересиз!

- Акылың жайындабы, жигит, мен эмне сени мурун көрбөсөм, же өчүм болбосо, - Экөө постко келип, болгонун болгондой айтканда Денис:

- Бул ишке таксисттин да катышы болушу керек, үч-төрт саат жылбай бузулуп калды деп шылтоо кылып туруп, эми жөнөмөк болуп турганда келди, - деп сыртка чыгып, таксистти таппай калды, качып кетиптир, демек ошолор аркылуу болду.

- Номерин билесиңби?

- Карабаптырмын.

- Кыргыз тупой десе, качан арыңарга келесиңер, кандай случай болуп кетет деп ойлонбойсуңар, байкап калсаң болмок, - дегенде Денис шашыла жол тосуп, кайнатасына жөнөмөк болуп телефон чалды.

- Алло, бул мен ата, Денис, Камиланы бирөөлөр мага тапанча такап, коркутуп Аруужан экөөнү алып кетти.

- Көзүң кашайып эмне кылып аттың, кызымды таппасаң сени түрмөдө чиритем! -деген Асылбек дароо эле опузаланганда Денис делдейе түштү. "Эмне дейт, ким качан дебей эле мени зекигенине караганда өзү атайын кылган окшойт" деп туруп анан: - Кызыңардын башы алтын болсо да, кылмак элеңер кылдыңар, менин кызымды таап бербесеңер өзүңөр түрмөгө отурасыңар! - деди кайраттана.

- Эй күчүк, кыштактын күчүгү, эмне деп атасың, эгер Камила эртең түшкө чейин келбесе айылыңа барып көргүлүктү көрсөтөм! - дегенде телефонду Жийде ала коюп:

- Эмне болду, бул ким? - деди.

- Апа, Камиланы бирөөлөр тапанча менен коркутуп алып кетти, сиз билбейсиз деле, бирок буга атам менен таксист кошумча, күн мурунтан сүйлөшүлгөндөй такси бузулду деп жылбай туруп алды… - дегенде Асылбек трубканы жулуп алды:

- Оозуңду жаап кал, жооп берээриңди ойло! - деди көбүрүп-жабырып, ары жактан Жийденин: "Асылбек, Денис андай кылбайт, сен билесиң да ал аны сүйөт, сен кылдың го, бер телефонду мага, өзү каерде экен?" деп чый-пыйы чыгып жатканы угулуп турду. Асылбек дароо телефонду өчүрүп койду. "Демек урушуп жатышат, эгер мен үйүнө барсам дагы сабамак экен" деп ойлоп өткөн таксиге кол көтөрүп, агасы Алмазга чалды. Алар шаарга келгенден бери жашаган жерин көрө элек болчу. Күндүзү жөнөөрдө Камила: "акемдерге чалсаң, кайрылып учураша кетели" деген эле: "Ка-ап ошондо макул болсом болмок экен, кайсы убакта кеткенибизди билбей адашып калышмак" деп ойлонуп жатып, телефон чалганын унутуп калыптыр, караса Алмаз:

- Алло, алло-о! - деп жатыптыр.

- Алло, Алмаз аке, мен постто турам, Сосновкада, мени автовокзалдан күтүп алыңыз, - деди Денис.

- Макул, качан барайын?

- Таксиге түшкөндө чалам.

- Макул, - Денистин ою онго, санаасы санга бөлүнүп, тынчы кетип турганда бир такси токтоп калды. Ага сүйлөшүп чыгып, Алмазга телефон чалып айтып коюп, Камиладан мурун Аруужанды ойлонуп жатты: "Аруужанды бирдеке кылып коюшпаса экен, кайнатамдын үстүнөн арыз жазып колумдан келишинче жүгүрөм. Кызымды таап бербесе өлтүрүп салам, ошонун колунан эле келди, арам ой менен чакырган тура" деп кечээтен берки көргөн сыйын эстеп, ошондо гана таксидеги жүктөрүн эстеди. "Акмак таксини өзүм тапсам болмок экен, башка машина да чыкпай калбадыбы" деп жүрөгү түпөйүл болуп, кайра Алмазга телефон чалды:

- Дарегиңизди айтсаңыз, мен такси менен өзүм барып калам.

- Дордой жактамын, таба албайсың, өзүм барам, автобекетте туруп тур!

- Макул, - телефонун өчүрөөрү менен кайра чырылдап, Асылбектин телефону көрүндү: - Угуп жатам.

- Бала, сен кызымды атайын бирөөлөргө алдырып ийип, бизди уруштуруп жатасың, көзүмө көрүнсөң жыга чабам!

- Милициядан көрүшөбүз! - Өчүрүп койду, андан кийин таптакыр чалса да албай койду. Автобекетке келээри менен Алмаз келип алып кетти. Инисинин абалын угуп, Алмаз жинденип жатты:

- Кызын эмне кылса ошол кылсын, Аруужанды алыш керек, мурда болгон ишти унутуп, кызыңарды алып келгениңер эмнеңер, таштап кетпейт белеңер?

- Кайдан билдик, мынчалыкка барат деп ойлогон эмеспиз, - Денис башын шылкыйтып отурду.

- Эс ал, эмне кылышты эртең сүйлөшөбүз, - Алмаз ушинткенде Динара күйөөсүнө:

- Кызыксың ушу баланын уйкусу келеби, жаман абалда турган неме, тиги Руслан байкеге чалсаң боло, - деди.

- Чын эле, - Алмаз телефонун терип кирди. - Алло, алло, угуп жатасызбы, Руслан байке, тынчыңызды алганым үчүн кечириңиз, бүгүн саат алтыларда Сосновканын коктусунан инимдин аялы менен кызын белгисиз бирөөлөр алып кетиптир. Ооба-ооба, бүгүн саат алтыда. Макул эртең менен баралыбы? - деп Денисти карады. - Арыз жазып койгула дейт.

- Макул жазалы, кызымды тапсам эле болду, эми кызынын кереги жок, атамдарга айтпай эле туралы.

- Ооба, аларды кыйнабай эле коюш керек, - деген Алмаз Азимге телефон чалды. - Алло, Азим бул мен Алмаз, Денистер азыр меникинде, эки-үч күндөн кийин барат, атамдарга айтып кой, - деди. Ошентип түнү бою кыжаалат болуп чыккан Денис эми туруп жуунуп кирип, аарчынып жатканда телефону чырылдап калды, зарядкада эле, ала койсо чоочун номер экен.

- Алло, бул ким? - дегиче:

- Денис, Камила эмне болду, мен Жийдемин, ким экенин билдиңби? - деп ыйламсырап ийди.

- Жок, апа, бизди салган таксист беле?

- Ооба, таксист, ал эмне болду?

- Ошонун дарегин бериңизчи мага.

- Макул, Сокулуктагы… - деп үйүнүн номерин, көчөсүн айтып берди.

- Рахмат апа, жакында баарын билесиз, күйөөңүз уюштурган оюндун сыры ачылат, баса, бергендериңизди ошол таксисттин үйүнөн алып алгыла, - деп телефонун басып койду. Күнү кечке тааныштарды издештирип, ар бирине барган менен эч кандай майнап чыкпады, бир жумадан кийин аргасыз үйүнө келди. Анын жалгыз келгенин көргөн Калмурат:

- Келин келген жокпу? - деди.

- Жок, бир аз жүрүп, анан келмек болду.

- Мейли, келсе келип калаар, кызымды ала келсең болмок, сагынып кеттик, - дегенде Денистин жүрөгү тыз этип алды: "Тирүү болду бекен, эми көрөмбү кызымды" деп ойлуу кирип кетти. Ата-энесине эч нерсе айткан жок, кокус Аймира укса узун элдин учуна жеткирээрин ойлоп, тирүү болсо Камила бир эбин таап, телефон чалаар деп күткөндөн башка аргасы калбады…

***

Бул убакта Камила көз жашын көлдөтүп, кызын кучактап алып, Замирбектин жанында жалынып-жалбарып жатты. Бирок ал үн дебестен аны бөлмөгө камап коюп, чыгып кетти. Асылбек менен сүйлөшүп, эгер көнбөсө ким көрдү кылып, аны өлтүрүп салмак эле. Замирбек Камиланын көздөрүнөн агып жаткан жашын көрүп, боору ачып унчукпай күндө анын алдына түрлүү тамак-ашты киргизип камап жатты, келээри менен эле телефонун алып өчүрүп салган. Денис чалса да өчүрүлгөн деп какшайт. Арадан бир ай өткөндө кайрадан ага кирип, сүйлөшмөк болду:

- Камила, мен сени сүйөм, ишенбесең өзүң бил, мен сени колума көтөрүп алам, эми барганыңда да күйөөң сени мурункудай карабайт, андан көрө макул десең, үйлөнүү той өткөрүп сага үйлөнөм, - деди.

- Кантип, мен сизди сүйбөсөм кандай жашоо болот? - Камила көзүнүн жашын мөлтүлдөтө карады.

- Жашоо дейсиңби, - Замир ордунан туруп ары-бери басты. - Жашоо сонун болот, сен мага жүрөгүңдөн орун берсең болду, алтынга бөлөнтүп багам, макул деп койчу, Камила!

- Жок, мен сизге турмушка чыкпайм!

- Мен өзүм күйөөңө жеткирип келем, макулсуңбу ушуга?

- Эмне? - кыжырлуу көз карашы жүрөгүн муздатып ийди Замирдин. - Мен эми күйөөмө да барбайм, бошотуп коюңуз, башым оогон жакка кетем!

- Бакыттан качып шоргобу? - Жылмайып кекерлүү күлдү. - Да-да-а, адамдар ошондой болушат…

- Суранам сизден, коркутуп аял кыла албайсыз!

- Кызыңды атасына бересиңби же ала кетесиңби?

- Өзүм багам.

- Анда мен сени кызың менен кетирбейм, Аруужанды эртең күйөөңө жеткирип келип, анан сени кое берем.

- Эмнеге, мен кызымдан ажырабайм! - дегенде унчукпай калган Замир: "Демек талуу жери кызы, муну бекитип коюп анан аргасыз көндүрөм" деп ойлонду да, аргасыз чыгып кетти. Камила атасынын өлтүрмөк болгонун эстеп:

- Кызымды өзүмө бергиле, кудай жалгагырлар, мени кызымдан ажырата көрбөгүлө! -деп боздоп жатып, эсинен танып калды. Ошол бойдон эки-үч саат жерде жатты. Укмуш жасалгалуу үйдүн ичинде өйдө болууга чамасы жок, Асылбекти каргап, боздоп ыйлап жатты. Баатырбек муну үч күндөн кийин укту, дароо Асылбекке чалды:

- Алло, Асылбек кандайсың, сага беймаал чалганымды кечир, Замирбек экөөң эмне кылып жүрөсүңөр, эгер билинип калса менин аброюма шек келээрин ойлодуңарбы?

- Баке, кечир, ошондой болуп калды…

- Эгер кыз баарын тастыктап берсе мен кызматымдан кол жуурумду билесиң, мен өзүмдү калкалап өзүңдү салып берем, кыскасы экөөбүз дос эмес, кас болуп калабыз.

- Баке, Замир суранды…

- Экөөңдү тең! - Баатырбек телефонду коюп койду. Асылбек эмне кылаарын билбей тынчы кетип: "Кызың менен жерге кир, мени ашыкча бүлгүнгө учуратты, эми эмне болот, Баатырбек айтканын кылат, кадыр-баркы, байлыгы бар" деп ойлоп үйгө кирип-чыгып жатты. Жийде эки баласын алып, атасынын үйүнө кетип калган.

Үч күн өткөндө Замир дагы Камилага кирди, ал жерде сулап жаткан, көзүнүн жашы кургап жүзүндө тагы турат, мелтиреп ким кирди, ким келди деп ойлоп койбой жата берди.

- Камила, кызыңды атасына берип келдим, телефон чалып көр! - деп телефонун берди. Жанталаша өз телефону колуна тийгенде Денистин телефон номерин таап, ага чалды. Телефону чөнтөгүндө болчу, Денис уктап жаткан, курткасынан чыккан дабышты сезбей уктай берди.

- Денис, алсаң боло кудай ай деги эмнеге албай жатат? - деп калтыраган колдору кайра-кайра басып жатты, бирок жооп болбоду. Замир чыгып кетти. Эсине атасы келген Камила ага чалды эле албай жатып көптө алды:

- Алло…

- Шүмшүк, канымды иче турган болсоң өзүң колуң менен өлтүрбөйт белең, бетсиз сендей атанын барынан жогу, жакшы дагы сенин каныңдан жаралбай калганмын, убалым уктатпасын, жакшылык көрбөй жалгыз тамда чирип өл! - деди.

- Эй кыз, бас жаагыңды, менде күнөө жок!

- Өлүп кет, шал болуп кал! - Камила телефонун басып койду да, ыйлап жатты. Түнү бою Денисти ала албады, гудок кеткени менен жооп болбой чыдамы кетип, эмне кылаар айласын таппай, анан таятасынын үй телефонун эстеп тере баштады. Түн бир оокумда чырылдаган телефонду келини Света алды:

- Алло, бул мен Камиламын, тайнемди ойготуп коюңузчу!

- Камила, сен кайдасың, жакшы элесиңби, эжем деле биерде, айтып коеюнбу? - дегенде элдейе туруп калды: "демек Насыр кайда калды, Алиначы?" деп ойлонуп кеткен экен:

- Алло, кагылайын кызым, Камила, сен кайдасың, деги амансыңбы? - деп Жийде ыйлап жатты.

- Апа, эмнеге минтип тозокко төрөдүңүз эле, ошондо эле өлтүрүп же алдырып койбойт белеңиз?! - деп Камила шолоктоп жатканда: "Эже, сизге эмне болду, апа, эжем ооруп калды, Данияр!" деген үндөрдү угуп, Камила дагы өзүн жоготуп баратты. "Баары бүттү, апамды өлтүрүп алдым, ал өлдү" деп барып колунан телефону түшүп, өзү жыгылып түштү. Анын дүп этип жыгылганынан улам сыртта басып жүргөн Замир кирип келип, жыгылып калган Камиланы көтөрүп диванга жаткырды да, чыгып суу алып келип, бетине сээп:

- Камила, сага эмне болду, көзүңдү аччы! - деп жаакка акырындап чаап жатканда ал көзүн ачып:

- Апам, апам.. . - деп кайра жатып калды. Ошол түнү Замир аны карап чыкты. Эртеси катуу ооруп калды, Замир аны врач алып келип, укол сайдырып каратып жатты. Эс ала түшкөн Камила:

- Апам, телефонум кана, Аруужаным… - деди.

- Мына, - Замир күнөөлүүдөй ага телефонун берди. Камила дагы таятасынын үйүнө чалды. - Алло, апам жакшыбы? - анын адегенде сураганы ошол болду.

- Мен, кызым, жакшы элемин, каердесиң айтчы?

- Апа мени… - дегенде Замир телефонду алып, өчүрүп койду:

- Болду эс ал, күйөөңө сүйлөштүңбү?

- Жок.

- Анда ага азыр чал! - Буйрук бере сүйлөдү, ошондо гана Денистин албай жатканын эстеп ага чалды:

- Алло, Денис, Аруужанды алдыңбы?

- Жок, кайдан, өзүң каердесиң?

- Мени кое бербей жатат, Аруужанды алып барган жокпу?

- Жок, ким алып келмек эле?

- Аруужаны-м! - деген Камила өзүн жоготуп баратканда Замир кармай калды:

- Кызың аман-эсен, эгер менин сунушума макул болсоң аны алып келем.

- Ыя? - Камила жаштуу көздөрү менен Замирди жалдырай карады.

- Ошол, эгер макул болсоң.

- Замир аке, мен баарына макулмун, кызымды, Аруужанымды көрсөтүңүзчү, апам дагы жаман абалда, мен макулмун! - шолоктоп Замирдин бутун кучактап алып, ыйлап жатты. - Мен макулмун, өлүмгө дагы даярмын, кызым менен апам аман болсо болду!

- Макул, түштөн кийин, - деп Замир чыгып кетти.

Камила азыр чындап эле өз тагдырына кайыл болуп турду: "Кызым менен апамды аман алып калсам болду, менин айымдан апакем азап чекпеши керек, булардын колунан жакшылык келбейт, өлсөм да айтканына көнүп кылбаска аргам жок, Аруужанды Дениске берейин" деп ойлоп, жерде жаткан телефонун алды да, Дениске чалды.

- Алло, - деди алаары менен.

- Денис, мен камоодомун, ким экенин билбейм, Аруужанды сага бердик деп айткан, бирок жалган экен, эгер колума тийсе сага берем, менден түңүл, Денис, тагдырым ушундай экен, - Камила жашка мууна сүйлөй албай жатты. - Экөөбүздүн сүйүүбүздүн мөмөсү эле, Аруужанды энеси жоктой кылбай өстүр, өлбөсөм кабар алып турам…

- Камила, ким экенин билдиңби деги?

- Жо-ок, бейтааныштар, кимдир бирөөгө күйөөгө чыгасың дейт, апам дагы ооруп калды менин айымдан, апам менен кызымдын жабыр тартышын каалабайм!

- Билсең жакшы болмок, милицияга берип карматат элек.

- Жок, Денис, өзүңө зыян кылып коюшу мүмкүн, андан көрө бактысыз сүйүүбүздү эскерип, Аруужанды өзүң бак, эртең чалам, бирөө келатат. Кош, Денис, - деди да, телефонду өчүрө дивандын башына коюп отуруп калды.

Ошол кезде үчтөн өтүп калган Аруужанды жетелеп, Замир кирип келди.

- Апа-а! - деп бакырып ийди Аруужан. - Чоң апама кетеличи, апа дейм, чоң атамдайга кетеличи!

- Кетебиз, кызым, кетебиз, - Камила кызын өпкүлөй берди. - Күчүгүм, алтын кызым, сени эч ким урушкан жокпу?

- Ыкы, уйушкан жок, мен атамды чагындым.

- Садага десе, кетебиз ээ жакында, сен чоң ата, чоң апаңа барасың.

- Ии-ий-и, барабыз, ээ?

Эне-бала ошентип отурганда аларга үймөлөнгөн табак толтура тамак менен чай алып кирди бир аял. Стол үстүнө коюп койду да, чыгып кетти. Камила кызы экөө тамактанып бүткөндөн кийин идиш-аягын алып кетти да, пакеттерге салынган кийимдерди ага берди:

- Буларды кийүүңүз керек экен, - деп коюп, чыгып кетти. Мелтиреп көпкө отурду Камила: "Эмнеге кийем, дароо эле үйлөнөм деп жатабы, ал өз талабын койсо мен өзүм да талаптарымды коюуга милдеттүүмүн" деп ойлоп, кызын алып отура берди. Аруужан уктап калды, ал уктаганда жанына жатып, көзү илинип кеткен экен телефон чырылдап жатты:

- Алло.

- Алло, Камила, Аруужан келдиби?

- Ооба, өзүм чалам, - деп кайра өчүрдү, Замир кирип келаткан эле.

- Камила, канчадан бери кирдедиң, кийимиңди алмаштырып ал, эгер жуунам десең душка түшсөң болот.

- Макул, - кайдыгер жооп кылды.

- Камила, менин сунушума макулсуңбу?

- Ойлоноюн, убакыт бер.

- Жок дегенде сүйлөшүп турчу, бейтааныш деле эмес элек, мен сени бала кезден сүйчүмүн…

- Сүйүү дебе, өзүңүздү сүйбөс адамды, сиз күч менен сүйдүрө албайсыз, аргасыз макул болдум дейли. Табаарыңыз эмне? - Камила аны карабай сумсая жер карап, сүйлөп жатты. - Ырас, биз таанышпыз, мен жаш кезде сиз бой жеткен жигит элеңиз, менден 13 жаш улуусуз…

- Эмне десең аткарайын, жок дебе, Камила, сени жанымдан ашык көрөм, окуп жүрүп убакыт болбоду, жок дегенде сүйлөшүп сага арзуумду айтканга.

- Арзуу дейсизби? - Камила аны мыскылдуу жылмая карады. - Ушул арзуубу, бирөөнүн ак никелүү аялын зордоп алып келип, мажбурлап жатканыңыз. Караандай сиздин айыңыздан ата-энемдин аралары ажырады, апам жүрөгүнөн инфаркт болуп ооруп калды, кызымды жоготуп аламбы деп мен азап чектим. Эгер арзуу ушул болсо жапайыча жашаганым мага бакыт алып келмек?

- Камила, мен сени бактылуу кылам, жүрөгүм сен деп гана согот, сенсиз мен суусуз кумдак чөлдө баш каүткан алсыз жанмын, мени түшүн, ишен мага. Не десең аткарам, жок дебе, Камила, эми күйөөңө барсаң ыркыңар кетет, бир айдан бери жоголгон аялы эмне болгонун сезип, туюп турат…

- Болуптур, бир өтүнүчүм Аруужанды атасына бергенге уруксат бер, экинчи күйөөмө зыян кылба, үчүнчү апама каерде экенимди айт. Мага бир ай убакыт бер, эркин болушумду каалайм.

- Баарына макулмун.

- Анда азыр күйөөмө чалып, эртең алып кет деп айтышым керек.

- Каалаганыңдай кыл! - Замир айтканына макул болгондо Камила качып кетүүнү ойлонду да: "Жок, качканда эмне, мен үчүн башкалардын, айрыкча апам менен кызымдын азап тартышын каалабайм. Аргасыз тирүү өлүк болуп жашоого туура келет, кокус Дениске зыяны тийиши мүмкүн" деп ойлонуп, Дениске чалды да, жолуга турган жерди болжоп, үч күндөн кийин келмек болду. Бирок кызы менен айрылгысы келбей түнү менен ыйлап чыкты, наристе бейкапар уктап жатат. Жанындай көргөн кызын бербей коеюн дейт, аргасыз дагы бирдеме болуп кетеби деп берүүгө бел байлады. Болжогон күнү түштөн кийин Денис күтүп турган жерин айтты эле Замир аларды салып алып жөнөдү, жанында кызматчы аял кошо баратты. Алыстан Денисти көргөн Камила:

- Токтоңуз, тиги жерде турат, - деп жиберди. Машина токтоору менен Камила түшмөк болду эле, Замир: - Айгүл, сен кызды жеткизип бер, - деп буйрук берди.

- Жарайт, - деген Айгүл түшүп, анан Аруужанды көтөрүп алмак болгондо Замир телефон чалып:

- Бери кара, кызыңды тааныйсыңбы? - деди. Денис эки жагын элеңдей карап жатып, Аруужанды көтөрүп келе жаткан чоочун аялды көрө жүгүрүп жетти.

- Камила кайда? - деп Аруужанды ала коюп, Айгүлдөн сурап ийди.

- Мен билбейм, телефондон сүйлөшүңүз, - Айгүл ушинтти да, басып кетти. Денис кызы колуна тийгенге машинасына отуруп жөнөдү: "Балээден алыс болгонум жакшыдыр, кызым колума тийди" деп ойлоп кетип баратты. Айгүл келип түшөөрү менен Замир машинасын ордунан жылдырды. Камила мелтиреп үнсүз, дачага келгенден кийин Айгүлдү түшүрүп коюп:

- Кайда айдайын, буйругуңа муктажмын, чоң кыз, - деди артына кылчая, Камила артта отурган эле.

- Мен эч жакка баргым жок!

- Андай болбойт, сенин кызматыңдамын, Камила.

- Буйрук берип көнгөн эмесмин, шарт кое билем.

- Шартыңды айт.

- Мени бир ай тынч коюңуз.

- Аа-а мейли, эсимден чыгып кетиптир, - Замир аны машинадан колун суна түшүрүп алды. - Уруксат этсеңиз.

Камила аны мостое бир карап алды да, колун берди. Катар басып дачага киришти, ошол күнү Замир эч жакка барбады. Камиланын жанында көбүрөөк болгусу келгенин сезди ал: "Тагдырым тартууласа аргам канча, макул болууга тийишмин, баары бир күчкө салып үйлөнөт, Денис мага эми ишенбейт, мурдакыдай ысык мамиледе боло албайбыз. Ак сүйүүбүздөн жаралган кызымдын атасында болгону жакшы, өгөй ата жакшылык кылмак беле, аман болсун, апама телефон чалып чындыкты айтайын" деп ойлоп жана Замир алган ойдон бербегенин билди. Анан зеригип көптөн бери жуунбаганын ойлоп, душка кирип жуунду. Кийимин которду. Замир ага кымбат баалуу кийим-кече, тапочка жана башкаларын алып келиптир. Сергип калды, ошол убакта Айгүл тамак алып кирди:

- Замир кеттиби? - деп сурады Камила андан.

- Жок, кыязы, сиз менен тамактанат го?

- Мм, - деп койду Камила.

Аңгыча Замир кирди.

- Камила, тамактан алып же…

- Азыр, - Камила анын маңдайына келип отурганда Айгүл кымбат баалуу вино менен суусундук алып келип, чыгып кетти.

- Телефон машинада калдыбы?

- Аа, унутуп калган турбаймынбы, - Замир тура жөнөдү, сыртка чыгып кайра келип: - Мына, бирөө менен сүйлөшөсүңбү, - деди.

- Апама чалам.

- Мейли, кел эми тамактанып ал.

- Алып жатам, - Камила алаар-алмаксан болуп жүрөгү айланып кускусу келип сыртка чыкты: "Кудай уруп боюмда бар окшойт, кыз болсо өзүмө окшоп калабы" деп зыңгырай түштү. Ал антип турганда Замир чыгып:

- Эмне, ооруп турасыңбы? - деди.

- Ошондой го.

- Мурда минтчү белең?

- Жок.

- Анда… - Замир такалып оюндагысын айталбай туруп калды.

- Ооба, ойлогонуңуз туура, өзүм дагы эми сезип турам, - Камилага тике туруп айтты.

- Мейли, эчтеке эмес, зыяны тийбет, - деп койду Замир, деген менен тамак ичип бүткүчө сүйлөшпөдү. Анан туруп баратып: - Эмне керек болсо Айгүлгө айт, мен эки-үч күн келбейм, - деп чыгып кетти.

Камила дагы ызаланып ыйлап кирди, колунан келсе Асылбекти жара сайып таштагысы келди. Бирок жанында болсо эчтеке кыла албасына көзү жетип: "Шүмшүк, он тогуз жыл алпештеп багып алып мага азап берди" деп ойлонуп алды да, диванга жатып алып ыйлай берди. Анын көңүл отунда жалгыз гана Денис болчу, кызын ойлоп андан бетер сыздай берди. Замир болсо күндө келип ага сүйүүсүн таңуулап, ага үйлөнүүнү сунуш кылды. Жийде Камиланын дарегин билбей, бир күнү инисинин телефону менен чалды:

- Алло, бул ким? - Камила тагасынын телефонун билчү эмес, - Ким экен? - дегенде:

- Камила, садага, кайдасың деги?

- Апа, апаке, мени, - деп келатканда, аңдып турган Замир кирип келди эле, Камила унчукпай: - Азыр, апа, азыр өзүм чалам, - деп өчүрүп койду.

- Кандай, Камила, качан макул болосуң, иштер менен Америкага кетип жатам, үйлөнүп алып, сени бирге алып кетейин дедим эле.

- Келгениңден кийин деле… - Карышкырдан корккон коендой бүрүшө түштү.

- Жок, бир ай өттү, демек, чечимиңди айт!

- Кое туруңуз, колуңузда турбаймынбы.

- Камила, мен жаш бала эмесмин, эгер оң жооп бербесең айтканымды кылам, керек болсо күйөөңдүн сөөгүн кучактатып коем, эмне таппай калат деп ойлоп жатасыңбы?

- Мен...

- Болду сүйлөбө, бар же жок дегин, мен сени күтүп отура албайм! - деп чыгып кетти. Ал чыгаары менен жанталашып апасы чалган телефонго чалса бирдиги калбаптыр, ыйлап отуруп калды, ошол убакта Айгүл кийим-кече салынган пакетти көтөрүп кирди.

- Буларды кийүүңүз керек, - деп чыгып кетти, Камила томсоро телефонун кармаган бойдон тура берди, Замир кирип:

- Даяр бол, атамдар менен коноктор күтүп калды, баса, атаңа өз каалоом менен чыгып атам деп айт, тойго келишсин, - деп телефонун карматты эле:

- Мага андай атанын кереги жок, апам менен эле сүйлөштүрүп коюңузчу? - деди колундагы телефондогу номерди көргөзүп. Замир ага чалып туруп, Камилага карматты.

- Ашыкча сөз сүйлөсөң менден жакшылык күтпө!

- Апа, мен Камила…

- Садага, кайдасың?

- Мен… мен өз каалоом менен… менен турмушка чыгып жатам, келесизби?

- Кимге, каякка айтчы, кызым?

- Замирбекке… - деп коюп телефонду басып коюп, ыйлап отуруп калды.

- Жетишет, бол эрте кийин! - деп Замир ачуулу чыгып кетти.

Камила: "Кагылайын кызым, мендей шордуу энеңди кечир!" деп көз жашын көлдөтө ыйлап жатып аргасыз кийинип, бети колун жууду. Замир аны колдон ала эшикке алып чыкты. Машинаны аябай кооздоп койгон экен, көрүп алып таңгалды, лимузиндин арткы орундугуна отураары менен жыгылды. Адегенде аны салонго алып келип жасандырды да, анан үйүнө алып келди, үйүндө атасынан башка баардык коноктору менен апасы Зыйнат күтүп жаткан. Зыйнат аларды көрөөрү менен алдынан тосуп чыкты:

- Садага болоюн десе, бактылуу болгула, ылайым өмүрлүү, ырыс-кешиктүү болгула, - деп адегенде уулун, анан Камиланы өөп үйгө киргизип жоолук салды. Камила мисирейип унчукпады, ал баарына кайыл болуп турду: "Мейли, ошондой эле сүйгөн болсо буга далайды көрсөтөм" деп столго Замир менен катар отурду.

- Замирбек, бактылуу бол, айланайын, - деп чоң энесинин сиңдиси, картаң кемпир келип өөп койду.

- Ботом, Асылбек менен Жийдени чакырдыңар беле? - Зыйнат уулун карады.

- Алар келишет.

- Ий-ий, эмнеге кеч калып жатышат, силер загска барып келгиче келип калаар.

- Келет, апа, өзүңүз даярдана бериңиз, загска бара берели, - деп Камиланын колунан ала өзүнүн теңтуштары менен чыгып кетишти. Замир зордук менен үйлөнүп жатканын Зыйнат билген эмес. Бир убакта үй телефону чыңгыраганынан жетип барса Жийде экен.

- Зыйнат, Замир ушундай кылат беле, Камиланы уурдап, күйөөсү менен кызынан ажыратты, жакшы эле жүрдүк эле, эми ушул туурабы? Камила ага аял болуп береби-жокпу, ойлонбойбу?

- Жийде, эмне деп жатасың, Замир мага андай деген жок го, "үйүнөн алып келдим" деди го, азыр гана келип загска кетишти, - Зыйнат таңгала сурады, Жийде телефондон баарын айтып жатты, ыйлап да атты.

- Мен Асылбек менен караандай ошон үчүн ажыраштым, Камила ага аял болуп бербейт, кызын өлтүрүп коем деп коркутуп үйлөнүп жатат, бүлөө болбойт ал, Зыйнат!

- Эмне дейт, каран гүн, мен балама ишенип жүрбөдүм беле? - деп трубканы кармаган бойдон Жийденин айтканын укпай нес болуп, эмеле көргөн Камиланын мисирейген жүзүн көз алдына келтирди. "Демек, менин балам аны зордоп үйлөнүп жаткан экен да" деп ойлоп, дароо Замирге телефон чалды. - Замир, экөөбүз сүйлөшүшүбүз керек, - деди эле ал:

- Апа, азыр бошобойм, барганда сүйлөшөбүз, - деди.

- Азыр сүйлөшөм сени менен, эмнеге мындай кылдың, атаң билсе эмне болоорун билесиңби?

- Атам билет, - деп телефонду басып койду. Зыйнат эми Асылбектин үй телефонуна чалды эле эч ким албады, ал ичип кеткен. Жийде арыз жазып, аны менен бир айдын ичинде ажырашып, үйдү балдарына өткөзүп алган, соттун чечимин алган боюнча ата-энесинин үйүндө болчу. Ошентип бир кызынын айынан бир чоң үйбүлө ажырашып тынды. Тынчы кеткен Зыйнат күйөөсүнүн иш телефонуна чалды.

- Алло, Баатыр, балаңдын эмне кылып жатканынан кабардарсыңбы?

- Эмне болду?

- Асылбектер ажырашыптыр…

- Болсо болгондур, Камила эмне дейт?

- Сүйлөшкөн жокмун, жүзү сумсайыңкы, бирөөнүн көз жашынан курулган жашоо кандай болоор экен, кийинкиси кандай болот, эмнеге укканда токтоткон жоксуң?

- Кабатыр болбо, баары ордуна келет, убакыт өзү дарылайт дейт эмеспи, уулуңду капа кылбай эле кой, эси бар.

- Кокус Камила арыздансачы?

- Өзүм турам го, кемпир, эч кабатырланбай конокторуңду узата бер, мен азыр барып калам, эч сыр бербе, өзүңдү колго ал! - деп Баатыр телефонду коюп койду.

Замир менен Камила загска барышканда гана Камиланын паспорту жок экенин билди. Замир акырын гана сүйлөшүп койду эле, унчукпай Камилага карады.

- Туулган жылың, айың…

- 1980-жыл, 10-апрель.

- Кайсы айыл?

- Чоң-Арык.

- Болду, - деди да, жанындагы күбөлөрдү сыдыра тиктеп өттү. - Асылбек кызы Камила, Касымов Замир менен түбөлүк өмүр сүрүүгө макулсуңбу?

- Ооба.

- Бактылуу болгула, жубайлар! - деп экөө менен кол алыша куттуктап, узатып койду.

Загстан кийин туура эле үйгө келишти. Баатырбек бир топ адамдары менен келип калган. Ал Камиланы бир карап алды да: "Дүнүйө, алтын кимди азгырбаган, бир айылда тезек тергенден көрө ханышадай жашоону каалабай коймок беле, акыры баары унутулат, Асылбек менен Жийдени өзүм жараштырам" деп ойлоп алды. Той абдан жогорку деңгээлде өттү, бирок Камиланын жүзүнө бир да жылмаю келбеди. Канчалаган жакшы сөздөр, куттуктоолор жаандай жабырап, баары экөөнө арналып жатса да Камила кубанбады, мисирейип отурду. Аны көргөн Зыйнат: "Карангүн ай, баламды өмүр бою кыйнап өтөт го?" деп отуруп күйөөсүнө көз жиберди. Ал "унчукпа" дегендей башын билинер-билинбес чайкап койду. Ошол убакта телефон чырылдап калды. Сөөлөт күткөн Баатырбек аялына ал дегендей болду.

- Алло, ким экен?

- Алло-о, кандай, аяш, бу-у мен Ас-сылбек, куттуу бол-лсун тоюңар, силер кубанып тойлоп атасыңарбы, ммен жалгыз ккал-дым!

- Асылбек сенсиңби, эмне ичип алгансыңбы?

- Ооба-а, ич-чип жыргап атам, жанагы кыз менин кызым эмес экенин далилдеди, аяш, бил-лдиңби ал менин каным эме-ес!

- Кой, Асылбек, андан көрө келип кетпейсиңби? - Зыйнат ашыкча сөз айтпай трубканы коюп койду. "Балакет баскыр ал ичип алган тура, такыр иччү эмес эле, менин каным эмес дегени эмнеси" деп ойлуу коноктор отурган жерге келди.

- Ким экен? - Баатырбек андан сурап калды.

- Асылбек.

- Эмне дейт?

- Келе албай калдык дейт го?

- Аа-а мейли, өзүнчө атайылап чакырып алабыз, - Баатырбек столго чалкалай отурду. - Өзүм чакырып коем.

- Мейли эми, - Зыйнат унчукпай калды, ал абдан токтоо, акыл-эстүү аял. Баатырбек кээде жумушундагы ишке да андан кеңеш сурап, айтканын угат. Камиланы көз кыйыгы менен карап койду. Ал эч ким жок ээн талаада жүргөндөй ойлуу отурган: "Бечара, буга да кыйын, күйөөсүнүн колунан сууруп алышып, зордук менен үйлөнүп жатса аргасыз аял да" деп ойлонуп алды. Той шатыра-шатман кадимкидей өтүп жатты. Үч адамдын жүрөгүндө түпөйүл суроо. Зыйнат уулун ойлойт, Камила кызы менен күйөөсүн, ал эми Замир болсо Камиланын өзүнө көңүл бурушун ойлонуп өз-өзүнчө ойлор менен алек. Баатырбек болсо көңүлү ток: "кайда бармак эле, байлык деген адамды тез эле азгырат, жаш неме бат эле көнөт" деп элдин шары менен бакылдап сүйлөп отура берди. Той аяктап үйдөгү коноктор бир-экиден таркай баштады. Өздөрүнө тиешелүү гана жакындары калган. Молдо чакырып кыргызча нике кыйдырышты. Камила анда дагы мостоюп отурду. Өздөрүнчө калганда Замир анын жүзүн өзүнө каратып:

- Камила, сен эми менин аялымсың, менин сага деген белегимди кабыл кыл! - деп кымбат баалуу, наркы үч жарым миң долларга келген чынжырчанын кутусун алып келип ачты. - Айтчы жагабы сага?

- Кереги жок!

- Антпе, жаным, мен эч кимге мындай белек берген эмесмин! - деп аны алып мойнуна жоопсуз тагып: - Кандай гана жарашып калды, бул менин сени сүйгөнүмдөн арнаган белегим, - деди.

- Мунуңуз менен мени биротоло баш ийдирип алам деп жатасызбы, жаңыласыз сиз муз болгон жүрөгүмдү жансыз буюм менен жандандыра албайсыз! - Камила ордунан тура калды. - Эч качан андай болбойт, менин жүрөгүмдө Денис менен кызым гана жашайт, ушуну унутпаңыз!

- Демек менин далалатым, айткан сөзүмө эш-шектин тушоосу да чечилбейт дечи?

- Ошондой!

- Анда, - Замир телефонун алып, кимдир бирөөгө чалып жатты.

- Алло, бул Денис бекен?

- Ооба, ким бул?

- Эртең келип, аялыңды алып кет!

- Каерден?

- Бишкекке келип, ушул телефонго чалсаң каерден экенин билесиң! - дегенде Камила телефонду жулуп алды.

- Денис, эч качан келбе, калп айтат, Аруужанды жакшылап кара, булар… - Замир ала коюп өчүрүп салды.

- Сен аларды аяйсыңбы, анда неге кошуп бергенге каршысың? - Кытмыр жылмайды. - Күйөөңдүн сөөгүн кучактагың келбесе… акыркы жолу айтам мени күйөөм деп кабыл аласың! - Замир коңшу бөлмөгө чыгып кетти. Камила мостоюп туруп: "кантейин тагдырым ушул болсо айлам канча, көнүп берүүгө туура келет" деп ойлоп Замир кирбегенинен жатып алды. Эртең менен ойгонсо күн көтөрүлүп калыптыр, той кийими менен жаткан эле, Зыйнат такылдатып кирип:

- Камила, турдуңбу, кызым, жүрү чай-пай ичели, - деди.

- Азыр, - ордунан тура калган Камиланы көрүп жүрөгү болк этип алды. "Курган балам ушул көчөт кыздын кулу болууга даяр, мунусу али той кийимчен жаткан тура" деп ойлоп коңшу бөлмөнү караса Замирдин өзү жаткан орду турат. Ичи сыйрыла Камиланы карап:

- Мен сага кийим алып келейин үстүңдү алмаштырып ал, - деп кайра чыкты. Камила ойлуу өзүн күзгүдөн карады, мойнундагы чынжыр жарашып бетиндеги макияжы өзүн сулуу кылып турду. Камила кийимин алмаштырып, акырын эшикке чыкты, алдыңкы кабаттын ортосунда кечээги столдо жалгыз гана Зыйнат отуруптур. Түшүп келди.

- Отур, кызым.

- Рахмат.

- Тартынба, бала кезиңден эле көрүшүп жүргөнбүз, тамактанып ал, азыр Замир келет, ал келсе жолго чыгасыңар.

- Каякка?

- Айткан жок беле?

- Жо-ок, - Камила жер карай жооп берди.

- Кызым, түшүнүп турам, бул өмүрдү Жараткан адамга бир жолу эле берет экен, канча жаш берет, канча жашайт аны биз билбейбиз, силер жашсыңар. Бакыт-дөөлөттү да өз убагында кармап калыш керек, байкабай калып өз мүмкүнчүлүгүңдү өткөзүп жибербе, дөөлөт тоголок, мээнет жалпак деген. Сени келин кылабыз деген оюбуз бар эле, сени окууга кеткен дешти, анан… Замир чатак чыгарып барган жериңден алып келем деди, атаң экөөбүз тыйдык. Замир биздин жападан жалгыз балабыз экенин билесиң, аны болбой бир абройлуу адамдын кызына үйлөнтүп койдук… - Зыйнат үшкүрүнүп алды, ошол кезде үй кызматчы аял столдун үстүн толтуруп, тамактарын алып келди. - Ала гой, Камила, сен менин кызымдай эле бол, эч тартынба. Замир эрке чоңойду, атасы оозунан чыкканын аткарат, ошондуктан өз билгенин кое бербейт. Сени айтып жүрүп аялын карабай койду, атасы экөөбүз канча айттык болбоду, акыры келинибиз кетип калды…

- Анан көз жаш менен көкүрөктөн бакыт издеп жүрөбү?

- Ыя?! - Зыйнат селт эте Камиланы карады, бул көз карашта "чунак го" деп ойлонуп калганда Камила өзүнөн сөз күткөндөй жүрөгүндөгүнү айтып жатты:

- Ооба, ал менин күйөөмдүн жанынан тартып келди, коркутуп жатып максатына жетти, мен энемин, кызымды ойлонуп сыздап отурам.

- Мунуң болбогон сөз, адам кандай болбосун бир келген өмүрдө жакшы жашап өтүүгө тийиш, кызым, жаштык кылба! - Зыйнат чыйрала токтоо сүйлөдү. - Күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго мин деген, аманат жашоодо өксүбөй өтүү ар бир пенденин тилеги.

- Ар бир адамдын ар башка түшүнүгү бар, сүйүүсүз жашоо калагы жок кайыкта сүзгөндөй, жүрөгүндө сезими бар адам эч качан байлыктын кулу болбойт. Жансыз буюмдардын кучагында калган менен жүрөгүң каалабаса кантип кабак ачып, кантип өмүр сүрүүгө болот, айтыңызчы мага, аял, эне катары түшүнсөңүз?!

- Тамагың муздап калды, - ошол кезде Замир келди да:

- Камила, бол даярдан, самолет төрттө учат, жөнөшүбүз керек, - деди.

- Балам…

- Апа, биз бир-эки ай Америкада болобуз, иштер боюнча, сүйлөшүп турам, - деп Зыйнатты сүйлөтпөдү. Камила зыңгырай туруп, үстүңкү кабатка көтөрүлдү: "Бүттү баары, эми болду, Денистин, кызымдын, апамдын амандыгын гана тилеймин" деп ойлонуп кийинип алып, кайра келди. Замир аны колдон алып жөнөгөндө Зыйнат:

- Кудай жолуңду ачсын, - деп кала берди.

- Чалам, апа, - деп Камиланы жетелеп машинага отургузду да, жөнөп кетти. Экөө тең үнсүз, Замир аны көз кыйыгы менен карап коет. "Неге мынча мисиреет, күйөөң менен кызыңды сакташ үчүн эле менин жанымда жүрөсүң, көрөөрбүз сенин зымырайганыңды" деп ойлоп баратты. Ошол күнү алар Америкага учуп кетишти…

***

Денис жаман абалда калды, ар мүнөт сайын Камиланын кылыгын, элесин эстеп алып, жаман болуп кетти. Кызын көтөрүп алып досторуна, жолдош балдарына барып алаксыйт. Ата-энесине эч нерсе айткан жок. Болгону "атасы болбой алып калды, мени менен жашашымды каалабайт, кызымды гана бергиле деп сурангам, Камила зорго көндүрсө керек" деп койгон. Өз ичинен ойлонуп анын аргасыз гана калганын сезди, жүрөгү ооруп аябай арыктап кетти: "Дагы жакшы мени ошол жерге өлтүрүп таштап кетсе эмне кылат элем, карга-кузгунга жем болмок экенмин" деп да ойлонуп кетет кээде. Денистин ошондо жүрөгү түшүп калганбы өңдөн азып баратты.

- Кагылайын, бир жериң ооруп жүрөбү? - деди бир күнү Ажар.

- Жок, апа.

- Анда Камиланы ойлоп жүрсөң керек, эмне кыласың эми, насиби жок болсо кантебиз, кызыңды жакшы кара да келин-кесек иликтей бер, жүрө бермек белең, үйлөн, айланайын.

- Апа, азыр үйлөнгөндү кое турайын, балким Камила келип калаар… - Денис ойлуу жер тиктеди.

- Ал эми келбей калды го, балам, Камила жакшы келин болот эле бечара, ошондо барбайм дегенде тим койбой…

- Кайдан билдим, мындай болоорун билгенде барбайт элек да?

- Кой эми, кеч кирип келатат малыңды кара, балам, атаң ооруп калган го, ордунан туралбай жатат.

- Макул, апа, Аруужан кайда жүрөт?

- Балдар менен ойноп жүрөт окшойт.

- Суук тийип калбасын, таап келейинчи, - Денис жол жакта ойноп жүргөн балдарды карады, Аруужанды чанага салып, Алмаздын чоң баласы ойнотуп жүргөн экен. - Амантур, Аруужанды үйгө алып кир!

- А-азыр, - деген Амантур кайра оюнга алаксып кетти.

Денис жолдон бери машина бурулуп келатса эле Камила келаткандай жол караганды адат кылып алган. Азыр дагы келе жаткан машинаны көрүп карап калды. Ал бул жердеги машиналардын баарын тааныйт, бул чоочун машина экен, көпкө турду, жакындаганда кууш көчөгө бурулуп кетти эле шаабайы сууй түштү. Шылкыя мал короо жакка басты. "Эми Камила келбейт, телефону болсо өчкөн, аны дагы эле камап атса керек, болбосо келип калмак" деп ойлонуп малдарын жайлап жүрдү. Бир убакта чөнтөгүндөгү телефону чырылдап калды. Шашылып ала койсо чоочун номур, Жийде экен.

- Алло, Денис, жакшысыңбы, Аруужан чоңоюп жатабы?

- Жакшы, чоңоюп жатат, өзүңүз жакшысызбы, апа?

- Жакшы эле, жакында ооруканадан чыктым, Камила телефон чалдыбы?

- Жок.

- Мейли, балам, чала тагдыр экен, мен сендей күйөө балам бар экенине кубанып жүрдүм эле, заматта баары будуң-чаң түштү, жакшы жүр, Аруужанды өөп кой, садага! - деди да, телефон түтүлдөп калды. Денис малын жайлап коюп, үйгө кирип колун отко кактап кызын карап отуруп калды. Ал эбак кирип куурчагын алып ойноп жаткан экен.

- Аруужан, келчи бери.

- Ата, ойноп атам, - Аруужан кыйыктана болбой атты.

- Бери келсең, конфет берем, - деди эле баары үмүттүү карап калды. - Кел, келегой, бол эрте.

- Кана момпосуй жок, - ал дале болбой моюн толгоду.

- Мына, - деп чөнтөгүнөн конфет алып чыкты эле жүгүрүп келди да, ала койду, Денис шап кучактап эки бетинен өөп алды, - Эми ойной бер! - деди да калган момпосуйларды өзүн карап турган инилерине берди.

- Айлөк, айлөк меники кө-өп, сенники аз, - Аруужан эки колундагы конфеттерди көрсөтүп мактанып калды.

Кызынын ар бир кыймылын Денис Камилага окшоштура берет, бирок анын келбесин эстегенде оор үшкүрүнүп алчу болду. Калмурат менен Ажар кеңешип туруп Денисти доктурга көрсөтмөк болуп турган. Ошол убакта бийликке жаңы президент келип, аттуу баштуунун баары эл кыдырып тизмелеп каттап жүрүшкөн. Ал тургай жетишпеген үйбүлөгө дешип ун, кант, чай-май таратып калды. Калмурат:

- Ээ, кемпир, буйруган ашың турат, жулунган дагы өтөт бу аманат дүйнөдөн, бей күнөө момун да өтөт, тиги дүйнөдө ар кылган иштин сурагын берүүгө туура келет.

- Эмне эле тиги дүйнө, тиги дүйнө деп калгансың, эл катары буйруганын көрөбүз да, өлүп көргөн ким бар, дегеле ак жүрөк болуп кетет.

- Мейли, кемпир, эмне десең ошо де, пайгамбар жашына келген адам чын дүйнө камын көрбөй болобу, кудайга шүгүр бирөөдөн сурап көрбөдүң, бергенде берип каласың, тобоо дейли, быйыл жайда ылдыйкы жерге үй сала баштабасак болбойт.

- Өзүң бил, - Ажар тим отуруп калды: "Ырас эле пайгамбар жашынан өттүк, кудай дейинчи, балдарым аман болсун, кезек күтүп албаса албай эле коелу", деп ойлонуп жатты. Азим түштөн кийин атына баштык менен мүшөк артынып келип калды.

- Эмне алып алгансың? - Калмурат эшикте турган ормойо карап калды.

- Ата, жардам берип жатыптыр сиздин атыңыз чыгып калды, анан алып келе бердим.

- Аа-а, сыйлап жазып коюшкан тура, - ветеран деген го? - деп үйүнө кирип кетти.

- Сен аерге эмнеге бардың эле? - Ажар таңгала карады.

- Мен жөн эле базарга баргам, элдин баары эле үйүлүп жатат, барып карап турсам атын айтып чакырып жаткан тыңшап калдым, бир кезде атамын айтканынан "бар" деп койдум эле ушуларды берди.

- Мейли, насип буйруса ушинтет тура, атаң ветеран да, тиги Анар кемпирди жазыптырбы?

- Билген жокмун.

- Ошол алсын байкуш, өмүрү жетишпей эле келатат, - деп Ажар ары карай басты. Аймиранын бөлүнөм деген үмүтү өчүп аргасыз отуруп калды. Камила кеткен бойдон келбегенин божурап айтып бүтө албай жүрөт. Сайраш менен бир күнү базар жакка баратып:

- Ата-энеси аябай жаман экен, жанагы кичинекей кызын өлтүрөбүз дешип зорго ала качып келгенбиз, - деди.

- Чын элеби?

- Ооба, үч миң доллар алып келбесең кызыңдан айрыласың деген экен Камила ыйлап отуруп бизди чакырып, - деп болгон сөздү жашырбай айтып жатты.

- Ай-ий, кызык тура, ошондо эле аны таштап баса берсе болот эле да?

- Кимди?

- Камиланы.

- Аа-а, биздин бала аялын аябай сүйгөн окшойт ай, азыр аябай жаман болуп жүрөт.

- Чын эле, ооруп жүргөндөй.

- Көрдүң го, тим эле кесел кишидей болуп баратат, анысы да укмуш болчу, буларды күч менен эле ажыратып коюшту, болбосо экөө аябай ысык болчу.

- Акем сизди сүйөбү? - деди Сайраш күлө, анын күйөөсү Азимден кичүү болчу.

- Билбейм, балалуу болгондон кийин сүйүүң балдарыңа өтүп кетет деген чын, болбосо биз укмуш сүйлөшчүбүз да, аны ойлосом өмүр бою кыз бойдон жүрө бергим келет, - Аймира каткырып койду.

- Укмуш ойлойт экенсиз, - экөө күлүп жатып, базарга жете келишти. Ошентип айыл ичи шумдук кепке толуп, бири-биринен угуп жакасын кармап, тобоо кылгандар болду. Бара-бара убакыттын өтүшү менен ал дагы унутула баштады. Денис өңүнөн азып кичине эле көзү илинсе чочуп кетчү болду. Бир күнү апасына айтты эле ал Калмуратка айтып молдого дем салдырып, кичине өзүнө келгендей болду.

- Катуу корккон экен, акырындап отуруп өтүшүп кетсе оолукма ооруга чалдыгып калмак, - деди молдо.

- Эмнеден коркот, капырай дагы жакшы…

Ажар ойлонуп калды: "Кайнатасы коркутуп бирдеме десе керек, кийинки кызына барганда", деп шекшигени менен аныгын биле албады, өзү айтпады. Ошону менен эч кимиси кеп козгобой жашоо өтүп жатты, жарым жылга жакындап калганда Денисти үйлөн деп шаштыра калышты. Аруужан болсо тили буудай кууруп, энесинин этегине эрмешип жүгүрүп жүрөт. Денис аны жанындай көрөт. Атасы өзү ошол айылдан илгертен жакшы теңтушуна сүйлөшүп, мектепти жаңы бүтүп үйдө жүргөн кызын алалы деп макулдашып койду. Айымкан жакшы кыз, Денисти сыртынан таанычу, анын кызы бар экенин да билет. Калмурат көп өтпөй эле ага сөйкө салды да, алып кетти. Денис көпкө кыйналып жүрдү, уктап жатып Камиланы элестетип бекем кучактап алат да, чочуп кетет. Анткени Камила толук болчу, Айымкан ичке узун бойлуу кыз. Кучагына толбой ага көнбөй жүрүп жаш кыздын ажарлуу жүзү, жарашыктуу мүчөсү, күлгөндө чукурайып кетчү ууртундагы чуңкурчасы, койчу баары аны өзүнө тартып баратты. Ал тургай Айымкандын көздөрү күлүп эле турчу. Кээде карап туруп ичи элжиреп: "мен Камиладан башканы сүйбөйм дечү элем, бул мени азгырып өзүнө имерип баратат, көрсө баары алмашып, жаңыланып турат тура, эми Айымкан деп жашоого аргасызмын" деп ойлонуп, терең улутунуп алат. Аруужан аны жеңе дейт, ага Ажар ошентип үйрөтүп койгон. Денис ошентип экинчи аял алууга үлгүрдү, Камиланы ойлогондо: "Деги тирүүбү, аны өлтүрүп койбоду бекен, же аргасыздан ал дагы бирөөгө башын байладыбы, болбосо келет эле" деп ойлоп кетет. Жашоо өз нугу менен өтүп жатты. Камиланын ичи чоңоюп, унааларда жүрө албай кусуп кыйналып калганда аны бөлмөдөн чыгарбай карап жатты Замир. Камила ичиндегисин алдырып коймок болду, бирок эч мүмкүнчүлүк болбоду. Бир күнү кеч келген Замирге:

- Замир, менин сага айтаар сөзүм бар, - деди ары жактагы деңиз көрүнүп турган терезенин жанында туруп.

- Айта бер, кулагым сенде.

- Бирөөнүн баласынын эмне кереги бар сага, алдырып койсом жакшы болот эле.

- Жок, мен адам эмес итке да зыян кылгым келбейт, чоңое берсин ал, эми менин да балам.

- Жо-ок, баары бир кийин айтылат, - деди Камила ойлуу, анан баарын Замирге айтып берди. - Ошондой, мен азыр атамды жек көрөм, көргүм да келбейт.

- Эчтеке эмес, мен өзүм макул болуп жатам го?

- Адегенде ал деле ошенткен экен, эми ойлосом апамдын кулагын жеп жүрсө керек, апам оорулуу болуп калды…

- Кам санаба, гүлүм, сенин жүрөгүңдү оорутканча өзүмдү кыйып салам.

- Койсоңчу!

- Ишен мага, гүлүм, сенин менин жанымда жүргөнүң канчалык кымбат, ишимди да жакшы жүргүзүп жатам, ак жолтоюм менин, экинчи мага мынабу жөнүндө сүйлөбөй жүр, - деп Замир кучактап өөп, курсагын сыйпалап койду.

- Ма-акул, бирок качандыр бир кезде сөз боло турган болсо ушул баланы өзүм жайлап салам! - дегенде Замир анын оозун баса калды.

- Жинди десе, бул эми менин да балам, менин дагы каным кошулуп калбадыбы, сен болоор-болбос түйүлдүк алып келсең мен аны чоңойтуп жатам, - эңкейип жүзүнөн өөп койду. - Экинчи мындай сөз болбосун!

- Болуптур экинчи мындай болбойт.

- Ардагым менин, жыпар гүлүм, муңайбай жүрчү, кааласаң азыр Денис менен сүйлөштүрөм, Аруужанды сүйлөштүрүп кой де, макулбу, жан эркем?

- Макул, кызымдын үнүн уксам кандай бакыт? - Камила ойлуу терезе жакка басты. - Эми мени Денис ага сүйлөштүрбөйт го?

- Эмнеге?

- Кызым энесин унутуп калды да?

- Андай эмес, таш боор болбосо эне-баланы сүйлөштүрөөр…

- Билбейм…

- Азыр чалам, - Замир телефонду терип тыңшап калды. - Мына кетти.

Камила ала коюп:

- Алло, Денис, кандайсың, Аруужан чоңоюп жатабы? - деди үнү буула.

- Жакшы, Камила, сенсиңби, азыр Аруужанды чакырайын, - деп сыртка чыккандай болду. - Аруужан бери кел, апаң менен сүйлөшөсүңбү?

- Аний, - оюнга кызыккан Аруужан болбой койду эле Денис жетип барып: - апаң менен сүйлөш, - дегени угулду.

- Аний, апам ана тиякта жүйбөйбү?

- Камила апаң, бол эми апа де, - Денис кулагына телефонду алып барды.

- Алло, Аруужан кызым, чоңоюп жатасыңбы?

- Апа, мен чоңойду-ум.

- Алтыным, күчүгүм десе, мени унутпа ээ?

- Ооба-а.

- Садагам, - Камила буулугуп кетти. Телефон байланышы үзүлдүбү же өчүрүп койдубу угулбай калды. Денистин жүрөгү лакылдап жаман болду, тааныш үн анын көңүлүнө бүлүк салды, кайра дагы чалабы деп көпкө күттү, бирок чалбады. Жанында турган Айымканды кызганыч ээлеп алды, ал жерди тиктеп ойлуу турган Денистин жанына басып келди.

- Денис, эмнеге ойлонуп калдың?

- Ойлонгон деле жокмун…

- Көрүнүп турат го, аялыңды аябай сүйчү белең?

- Анын сага эмне кереги бар? - Денис ары карай жиндене басып баратканда Айымкан жете келип булкту:

- Эмне жашырасың, аялың менен сүйлөшкөндөн кийин эле тултуюп калдың го?

- Эмне болуп турасың, соосуңбу деги, ал Аруужандын үнүн угайын дегенинен кызын чакырбадымбы?

- Сүйлөштүрбөй эле койбойт белең?

- Эмнеге, энеси экени жалганбы?

- Таштап койгон эненин ага эмне кереги бар, атын да билгизбей коюш керек, баласын таштаган эне энеби?

- Ал таштаган эмес!

- Анан эмне, аякта иштеп жүрөбү, кайра жарашасыңбы? - Айымкан тултуңдап жинденип жатты. - Андай болсо ошонуңду алып келип ал! - деп үйгө кирип, кийим-кечесин жыйыштыра баштады. Анын үйгө кирип кеткенинен оюнда эчтеке жок эле сыртта калган, кийимин жыйыштырып бараткан Ажар ага:

- Эмне болду, балам кайда жөнөдүң? - деди.

- Үйгө кетем!

- Эмнеге? - Ажар таңгала карап калды, ал келин-уулунун сырттан чукулдашканын уккан эмес. - Төркүлөткөндөн кийин барасыңар да, кагылайын.

- Төркүлөбөй эле койдум, азыр кетем! - деп жулуна жөнөгөндө кошо чыкты.

- Камиланы алып келип алсын!

- Кокуй эмне дейт, Денис экөөңөр урушуп калдыңарбы?

- Эмне болду? - деди аларды көргөн Денис.

- Айымкан кетем деп атат го, балам?

- Эмнеге?

- Кайдан билем?

- Түштөн кийин билбей калышат, аялы менен сүйлөшүп жатпайбы? - Айымкан долулана ыйлап ийди.

- Кой, кагылайын балам, урушпагыла.

- Айымкан, андан башка дагы эмне шылтооң бар, ошону үчүн эле кетмекчисиңби? - Денис аны ачуулана карады.

- Андан башка дагы кандай шылтоо болуш керек, сен аялың менен сүйлөшүп жатсаң отура беришим керекпи, келгенче кетип турайынбы?

- Качан сүйлөштүң эле кокуй, аның чала койдубу? - Ажар уулуна карады. - Сүйлөшпөй эле койбойт белең?

- Мени менен сүйлөшкөн жок, Аруужанды сүйлөштүрдүм.

- Ий кокуй ий, кой эми, садага кетейин, үйгө кире гой, аны кеткен катын деп коет, баласы да шоруң каткыр, аны түшүн, балам, куда-кудагый сураса эмне дейсиң? Ызаат-сый менен барган жакшы төркүнгө, мына күздө алдыңа түшөбүз, ошондо барасың, - деп Ажар келинине жалдырай карап, колундагы сумкаларын алып болбой алып кирди.

Айымкан үйгө кирип, тултуюп отуруп алды. Аймира казан-аягында, күндө Айымкан жардам бере койчу эле бүгүн баарын өзү жасап жатты. Анын дагы кыялы өзгөрүлүп, бөлүнүп кетем деген ою ордунан чыкпай кыжаалат болуп жүргөн кези. Айымкандын отуруп алганына жини келип:

- Деги менден башка эч ким түтпөйт экен го, өмүр бою күңдүккө келгендей казан башында жүрөм, - деди Азим жанына келгенде.

- Сага эмне болуп кетти эми, кыялыңды карматпа, атамдар угуп калса капа болот.

- Укса уга берсин, мен күйпүл күчүк казан башынан кетпейм, башка келиндери асмандан түшкөнсүп кермейе беришет, мени деле ата-энем элдей багып өстүргөн.

- Болду эми, жинди болбо.

- Болбосо бөлүнөм, же мен дагы төркүнүмө кетем.

- Болуптур эми, Денистерди төркүлөтүп келгенден кийин бөлүнүп кетебиз, ага чейин чыдай тур, - деп Азим аялын тыйып койду, ата-энесинин угуп калаарынан коркту, анткени алар укса дароо эле бөлүп жибермек.

Бирок Азим эч жакка бөлүнгүсү жок болчу. Эки баласы бар. Бирөөсү беш жашта, бирөөсү окуп калган.

- Төрт баласын таштап коюп, акемдер деле кетип калды го?

- Алар келсе эки баласын алып кетет, орун алып калышыптыр.

- Ээн-эркин жүргөн аларга деле жакшы да, эки кишиге тамак жасап коюп жатып алат, - Аймира бир аз кыялы оңоло түштү.

- Апамдарга угузуп жанагы сөзүңдү сүйлөбөй жүрчү, угуп калса капа болуп калышат, кары кишилер бат таарынат эмеспи.

- Бөлүнүп кетсек болот эле го, тиги бала үйлөндү эми, биз дагы кетели, өмүр бою жүрө бербей.

- Макул эми, күздө кетебиз, куданын алдына барып келели, - Азим жер карай күңкүлдөдү эле Аймира жарылып кетти:

- Атамдардан бөлүнгүң жок, эмчек эме тургансып эле чыккың келбейт, элдин баары эле өзүнчө жашап жатышат го, сен эмне бирдеке болосуңбу, ата-энесинен бөлүнүп өлбөй жашап жатышат.

- Болду эми, ажылдай бербей, айттым го күзүндө бөлүнөбүз деп, - Азим атасы келатканын көрүп, ары басып кетти. Ошол убакта Айымкан чыгып Аймираны көздөй барды:

- Жеңе, бүтүп калдыңызбы?

- Ооба, повар болуш да оңой эмес да, кечке казанда жүрүшүң керек, тим эле тажап кеттим.

- Калганын мен кылам, үйгө кире бериңиз, - деп Айымкан жайдаңдай жанагы ачуусунун бири жок, заматта жаркылдай өз ишин жасап кетти. "Жаш да, көктүгү жок бечаранын, кызганса кызганат да" деп ойлоп калды Денис. Камила чалгандан бери аны ойлонуп калды: "Балким ал биякка келмектир, сүйлөшүп көрсөмбү, аял алганымды айтайын, эмне дээр экен, эгер келем десе мен шаарга кетип калам, ошол жактан жашап алабыз" деп ойлоп таң эрте көчөгө чыгып кетти. Телефонуна жүз бирдик салып жөнөттү. "Кетти" деп алды кудуңдай. Бир аздан кийин эркектин үнү угулганда супсуну сууй түштү да, аргасыз:

- Алло, кечээ ушул номер менен Камила сүйлөштү эле, - деди.

- Ал үйдө, мен күйөөсүмүн, экинчи чалба, кызы менен эле сүйлөшүп алсын дегем, - деп өчүрүп койду.

"Демек, күйөөгө тийген экен да, эми келбейт, аны зордоп үйлөнүп алган тура, мейли бактылуу болсо эле болду. Кой, Айымканды капа кылбай, жашай берейин, тагдыр ушундай болот тура, эх дүйнө, сүйгөнүм менен жашоого болбоду" деп ойлонуп келе берди. Ал келгенде Айымкан тосуп алып:

- Денис, мен ооруп жатам, ашказаным ооруп калса керек, врачка көрүнүп келейинчи, - деди.

- Макул, барып көрүнүп кел.

- Сенчи, экөөбүз баралычы, - эркелей сүйлөдү. - Эмне мени менен баскың келбей калдыбы? - деп таарына кетти.

- Ошого деле таарына бересиңби, мейли барса барып келели. - Денис үйгө кирип кийимин алмаштырды, Айымкан да кийинип колтукташа үйдөн чыкты.

- Кайда жөнөдүңөр, балам, - Ажар карап калды.

- Апа, Айымкан ооруп атам дейт, доктурга барып келели.

- Ии-ий, мейли, - деп кала берди: "Окшошкон арамдар, ээрчишип баскысы келсе керек да, жаштык кандай гана керемет учур, жарашыктуу сулуулугу ажайып эмеспи, кайран доор өтөт экен го билинбей гана" деп ойлогон Ажар аларды узата карап турду.

- Сизге эмне болду, апа, ойлонуп калыпсыз да? - Аймира кайненесинин жанына келип туруп калды. - Тигилер каякка кетти? - деп Денистерди карай ээк кагып койду.

- Келин ооруп атам деп, доктурга кетти.

- Аа-а, күйөөсүнө эркелеп аткан го?

- Ботом, ооруса көрүнөт да?

- Деги дейм да, - Аймира кайненесине шынаарлай калды. - Апа дейм, биз бөлүнсөк болот эле, кандай дейсиз, өмүр бою эле сиздер менен жүрө бермек белек?

- Апей ботом, каякка бөлүнөсүңөр? - деп эне чоочуй келинин карады.

- Кайда бармак элек, апа, элчилеп биз деле иштеп көрөлү да, атам экөөңөргө жамынып отура бербей.

- Кой, балам, Алмаздар жүрбөйбү шаарда, жетишет ошол, силер азып-тозбой эле үйдө болгула, капырай эмнең жетишпейт, кийим-кечең элдикиндей, кардың ток, балдар багылып атат…

- Апа биз дагы өзүбүзчө жашап, мээнет кылып көрбөйлүбү, бекер оокатка көнүп алсак кийин кантебиз? - Аймира "силердин көзүңөр өтүп кеткенде" деп айтып ийе жаздап токтоду.

- Жаштар шаарды эле көксөп туруп аласыңар, жөн бир барып келгилечи, Алмаздардын жашоосу кандай болуп атыптыр, мен атаңа айтайын, - деп Ажар келининин бөлүнөм дегенине түпөйүл боло үйгө кирип кетти.

Калмурат үйгө токтобойт, өзү теңдүү чалдар менен кобурашып жүрө бермей адаты бар, жашы жетимиш жетиде болгону менен күүлүү. Балдарын элден кем кылбай тарбиялап өстүрдү. Эми өзүнчө ойлонуп жүрөт: "Кокус жаман айтпай жакшы жок дейт, көзүм өтүп кетсе балдарым жаман көрүп калбасын, малды үчөөнө тең бөлүп коеюн, кудайга шүгүр" деп ойлонуп балдарын чогултмак болду.

- Алмаздар кантип жатты экен? - деди бир күнү кечинде.

- Ким билет, соода кылып атышкандыр, Денис көрүп келбедиби жакшы экен деп.

- Аны келип кет деп койсун, Азимге айтчы.

- Эмнеге?

- Бир жылдан бери келбей койду, эмне?

- Колдору бошобой жаткандыр, сүйлөшүп эле жатбайбы.

- Өзүн көргөндөй болмок беле? - Кемпирин жактырбай сүйлөдү.

- Чакырсаң чакыр, келип кеткиле дейби?

- Ооба, үчөөнү чогултуп, энчини улак-козуга чейин бөлөйүн.

- Иий, - деп алды Ажар. - Канчадан бери эле бөлүп берем деп бөлө албай жүрөсүң, - деп аны карап күлүп койду. - Акыры ошолордуку да.

- Менчикке жетпейт да, атаң эчтекеге ээ кылбайт деп жүрбөсүн келиндер, - Калмурат Ажарды карады. - Бөлүп бербесек өзү билгендей сата алышпайт, пайдалана албайт, экөөбүздөн тартынат да, ээлик кылсын өздөрү.

- Өзүң бил эми, Алмаздыкын бөлүп кое бер, телефондон айтып коет балдар. Алар ошентип отурганда Азим келди, ал жазгы айдоодо жүргөн эле. Жер айдатып буудай, семичке, картошка тигишет. Жаз болду жаны тынбай эмгектенбесе кайдан.

- Кел, балам, кандай ишиң, бүттүбү айдоо?

- Аз калды, - Азим отура калды. - Май түгөнүп калбадыбы, бүгүн бүтүп калат эле.

- Шашкан шайтандын иши, балам, ар бир иштин сааты бар, сааты бүтмөйүнчө иши бүтпөйт, калганы эртең деле бүтөт, - Калмурат уулун жооткотуп акыл-насаатын айтып отурду, карысы бардын ырысы бар деген ушул да, ар дайым чыдамкайлыкты, токтоолукту үйрөтүп келет. Ырыскы кандай болгондо жугат, аны айткандан тажабайт. Эне бир жагынан бирин-бири сыйлап турууга, угууга үйрөтөт. Ошондуктан аралары эки-үч жаш болсо да бирин-бири сыйлап турат.

- Ата, эртең керосин алыш керек, он литр жетет.

- Мына, балам, керосин алып бүтүрүп ал, - Калмурат аксакал Азимге акча сунду.

- Эмнеге көп бердиңиз? - Азим атасын карады.

- Керегиңе жарат, ашса келинге бер, керегин алып алсын.

- Макул, - деп тамак жасап жаткан аялын карап койду. Ал эч нерсе укпагандай ишин жасай берди. Аңгыча Денис менен Айымкан келип калды, Денис Азимдин жанына отуруп, Айымкан бөлмөсүнө кирип кетти.

- Эмне болду, көрүндүбү? - Ажар уулун суроолуу карады.

- Ооба, - Денис жер карап жооп берди.

- Эмне деди?

- Билбейм, өзүнөн сураңыз, - күңк этти.

- Ботом сага айткан жокпу?

- Жок. Денис эчтеке деп айткан жок, анткени боюнда бар экенин айткандан уялды. Ажар унчукпай калды.

- Анча эмне такыйсың, өздөрү сүйлөшөт да, шашпай уксаң болбойбу? - Калмурат кемпирин тыйды. - Өздөрүнчө кеңешет да.

- Ооруп атса эмне болду деп сарсанаа болот экенсиң да…

Ажар ойлонуп калды: "Чунактар дегеле сырын айтпайт, деги жашап кетсе экен, балаң кургур муну Камиладай көрбөй, бой салбай жүрөт окшойт, аны күйүп-сүйүп алды эле" деген ойдо отуруп калды. Күндөгүдөй эле жашоо-тиричилик өз орду менен. Денис телефонун үйдө калтырып кеткен экен, Айымкан аны кармап отуруп чоочун номерди көрүп: "Чалып көрөйүн, эгерде Камиласы болсо сөзсүз кетем да ичимдегини билине электе алдырып салам" деп басты эле гудок кетти. Тыңшап калды, ошол кезде Замир үйгө келип уктап жаткан, Камила ала койду:

- Алло, Денис, Аруужан чоңоюп калдыбы?

- Сен кимсин, мен Денистин аялымын, экинчи чалбай жүр, Аруужанды ойлонбо уктуңбу, ал сени унутуп калган! - Айымкан ачуулана сүйлөгөндө Камила токтоо гана:

- Мен энесимин, мени унуттурууга эч кимдин да акысы жок, а сен Денис менен бактылуу бол! -деп коюп койду. Айымкандын жини келип күйөөсүн күтүп жатты: "Сени шашпа, көрсө бул күндө бирдик салып алып сүйлөшүп жүргөн тура, мени алдагысы бар, көрсөтөм сага, кызың турганда аялыңды унутпайт экенсиң" деп бир нерсени ойлоп алды. Ал эми өчүн Аруужандан алмак болду оюнда. Бирок, кантип деген суроо мээсин жеп жатты. Денис келгенде ал өзүн эчтеке билбегендей кармады: "Кетпей туруп өчүмдү алам" деген чечимге токтогон.

- Эч ким чалган жокпу? - Денис келип эле сурады.

- Ким чалышы керек эле? - Айымкан күйөөсүн сынай карады.

- Деги да, бирөөлөр чалышы мүмкүн да?

- Камилабы?

- Ал эмнеге чалмак эле, күйөөсү бар да, Айым, күнөмсүбөй жөн жүрсөңчү, - жактыра бербей отура кетти.

- Күйөөсү бар бекен?

- Ооба.

- Чын айтып жатасыңбы?

- Эмнеге калп айтмак элем, ошо күйөөсүнүн телефону экен.

- Азыр чалып көрчү, өзү эле алат.

- Сен кайдан билдиң?

- Сүйлөштүм.

- Качан? - Денис Айымканды карап калды, ал телефонду берип жанына келди. Денис телефонду басты эле бир аздан кийин эркектин үнү угулду:

- Чалба дебедим беле?

- Камила барбы?

- Аны эмне кыласың? - дегенде Айымкан ала коюп:

- Сиз кимиси болосуз? - деди.

- Күйөөсү болом.

- Мен Денистин аялы болом, Камилага айтып коюңуз, экинчи Аруужанды сурабай жүрсүн, кереги жок деп таштап коюп эми эмнеге сурап калды?

- Болуптур, айтып коем, - телефон өчүп калды.

- Сен жинди болдуңбу, сураса өз кызын сурайт да?

- Үнүн уккуң келди беле?

- Болбогонду сүйлөй бербечи, аял деген аялды түшүнбөйбү?

- Түшүнбөйм, мен сен үчүн келесоомун, эчтеке билбейм.

- Болду, өз ишиңди кыл, - Денис туруп ата-энесинин бөлмөсүнө кирип кетти. "Шашпа сени, ошол кызыңды жоготпосомбу" Айымкан ойлуу көздөрүндө заардуу от чача Аруужанды жек көрө кетти. Ал оюнда билдирбей кызды өлтүрмөк болду. Бирок эмне кылуу керек экенин билбей басса-турса ойлонуп жатып, Ажар иччү коргошунга келип токтоду. Бир күнү ал Ажар жокто чыланган уу коргошунду алып, чайга кошту да, Аруужанды чакырып келмек болду, ошол убакта эч ким жок эле, балдардын баары ойноп жаткан. Аруужанды чакырып алып ээрчитип келе жатканда жүгүрүп Алмаздын баласы Жаныбек кирип кетти, эч нерсени ойлобогон бала идиште турган муздак чайды ичип алып кайра оюнга чыгып кетти. Аруужанды ээрчитип кирген Айымкан:

- Чай ичесиңби? - деди ага эңкейе.

- Ичем, - дегенде оюнда эчтеке жок Айымкан өзү койгон чынынын бош турганын көрүп жүрөгү болк этип алды: "Жаныбек ичип алып өлүп калсачы, кудай ай, эмне кылам" деп коркуп кетип, баары эсинен чыга чыныны тазалап жууп, Аруужанды карабай эле эшикке чуркап чыкты да, жолду караса балдар үйүлүп калыптыр. Жүгүрүп жетсе Жаныбек жерге оонап ичин баса кусуп жатыптыр. Коркуп кеткен Айымкан жетип эле балдардын жардамы менен үйгө алып келип, кусуп жаткан балага сүт ичирип ийди. Ичпейм деп ал болбойт, улам оозуна такап:

- Ичип жибер, кусканың басылат, - дей берди, апасынан ууланган адамга ак ичирсе кесип кетет дегенди уккан. Жаныбек көбүк куса баштады, ошол кезде Ажар келип калды:

- Кокуй, эмне болуп кетти катыгүн, эмне ичтиң эле? - деп ал дагы сүт ичирип жатты. Ичкенин кайра кусуп жатканда, үч-төрт үй ары жашаган балдардын врачы Күмүш келип калды, ага өзүнүн баласы айтып барган экен, экөө чогуу окуп дос болуп жүргөн.

- Эмне болду, угуп алып жетип келдим.

- Билбейм, айланайын, - Ажар өңү боппоз турган Айымканды карады. - Карап турсаң болмок, балам, бирдеке ичип алган го?

- Мен эшикте жүргөм, - Бүткөн бою калчылдаган келин: "эми эмне кылам, өлүп калсачы, шүмшүк Аруужандын азабы да" деп ойлонуп атканда Күмүш:

- Эже, уу коргошун ичип алган го? Сүт-айранды бериңиз, мен уколду алып келейин, ууланган турбайбы? - деди.

- Ботом, аны балдар кармачу эмес, дайым эле үйдө турат, - деп таңгалды Ажар. Жаныбек кусуп жатып бир аз эс ала түштү. Күмүш уколдорун алып келип, тамырына да берип койду. Эч нерсе болбой көпкө жатты бала.

- Дагы азыраак ичкен экен, болбосо жаман болмок экен, эми дурус болуп калды коркпоңуз.

- Кудай колуңа дарт бербесин, айланайын, кудай сактады, ээк кудай, шерменде кыла көрбө, ата-энеңдин кылганы деп келиним баламдын жанын койбойт эле, айланайын жаратакан ушулардын жамандыгын көрсөтө көрбө" Ажар небересинин жанында жалынып-жалбарып жатты. Калмурат келип угуп алып, кемпирин урушуп кирди:

- Ошонуңду жоготсоң боло, бала неме кайдан билсин, муздак деп ичип алды да.

- Күндө эле ордунда турчу эле капырай, каяктан да иче койду? - Ажар күнөөлүүдөй күңкүлдөдү. Айымкан болсо: "Эми чыныдан ичтим десе эмне кылам, аз кошулуп калган тура, Аруужан деле өлмөк эмес экен, Жаныбек аман калып жакшы болду" деп ойлонуп эс ала түштү. Үч күндөн кийин зорго көзүн ачты ал. Эки жакты карап, жанында отурган чоң энесин көрүп:

- Чоң эне, эмне болду? - деп асылып турган гемодезди карады.

- Садага болоюн десе, ак саргыл башыл айланайын, сен уу ичип алыпсың, балам, - Ажар өпкүлөп ыйлап ийди. - Мен ичкен уу коргошунга тийбегиле деп айтчу элем го силерге?

- Эне, мен ага тийген эмесмин, чыныдагы эле чайды ичкем, муздак чай бар экен.

- Каерде?

- Столдун үстүндө туруптур, суусаганымдан ичип алгам.

- Дагы эмне дейт, столдун үстүндөгү чайга ким кошуп коймок эле, андан эмес окшойт, ысыкта ачыган бирдеме жеп алсаң керек анда.

- Жо-ок, эчтеке жеген жокмун, эне, айтып атам го чай ичтим деп.

- Капырай, Айымкан кайда жүрдү эле?

- Жеңем Аруужанга чай берем деп чакырып жүргөн.

- Анан эмне болду?

- Алар үйгө келгенде мен кетип калгам.

Ажар оюнда: "Балакет ба-ас, анда ошол куюп койгон окшойт, кызды аябай жаман көрөт, ошону өлтүрмөк болгон го?" деп ойлоп ийди. Ошо бойдон эч кимиси билбей да, унчукпай да калды. Ажар Аруужанды андан кийин өзү менен кошо ээрчитип кетмей адат кылып алды. Айымкандын жанына койбойт. Айымкан да андан кийин арам оюнан кайтып: "Эми Аруужанга берсем билип калат, мейли чоңое берсин, төрөп алсам Денис менден кайда кетмек эле" деп ойлоп тынчып калды.

Күз келип, күжүрөгөн күздө аш-тойлор күчөп, мал семирип жайлоодон келген кезде Калмурат дагы келинине той бермек болду. Тойго келгендер көп, алардын ичинде Миргүл дагы бар. Анткени Калмуратка эң жакын туугандарынын бири ал Бишкектен келген. Бака-шака отургандар ырдап-бийлеп калышты.

- Ой, Миргүл, сен эми Бишкектен келдиң, ырдап койбойсуңбу? - деп калды Ажардын сиңдиси Айдай.

- Мейли, ырдаса, ырдап коеюн, ушундай тойдо ырдабасак болбойт го? - Миргүл күлүп калды.

- Ырдап кой, эски ырлардан ырдап койчу?

- Мына азыр ырдайм, - Миргүл ойлонуп бир аз турду да, - Эски эмес жаңыдан эле ырдайын:

Сен жолоочу турмушта жол караган

Мен сүйүүнү кубаттап ырдап алам

А сен болсо кара көз бир сулуусуң

Иреңи серт мендейди ылгабаган, - деп биздин жердешибиз Руслан Нарынбаев ырдап жүрбөйбү, жаңынын дагы жанга жагымдуусу бар! - деп Миргүл ыр кесени узатып койду. Шатырата кол чаап коштоп киришти.

- Азамат эй, комузу эле болбосо өзүндөй, андан да жакшы ырдадың.

- Үнүң жакшы экен, дагы бирди ырдап кой эми, - дешип суранып калышты. Миргүл дагы ырдады, приз алды. Тойдо болуп көңүлү көтөрүлүп шаарга жөнөдү. Ал Камиланын тагдырын угуп кейиди, анткени келип көрүп кеткен болчу. Ал келген күнү эле ага Нурмира чалды, Миргүл ала коюп кулагына тосту:

- Ой, каяктасың?

- Үйдөмүн, өзүң кайдасың?

- Мен кечээ келдим, дүкөндөмүн.

- Айылдан жаңы эле келдим, тойго баргам.

- Аа, биякка келесиңби?

- Бүгүн эмес.

- Анда эртең келип кал, сонун жаңылык бар.

- Ма-акул, эртең кечке маал барам.

- Болуптур анда, - Нурмира телефонун өчүрүп койду. Миргүл ойлонуп калды: "кыздарына көрүнбөй жолугуп келейин, эмне жаңылыгы бар болду экен, Самат кетем деп жатат эле, кетип калдыбы же аял тапты бекен", деп ойлонуп алды өзүнчө.

Эртеси ал барса Самат Нурмиранын жанында отуруптур:

- Дайның чыкпай кетти да?

- Бизди унутуп койдуң окшойт, - экөө көрүп эле сүйлөп кирди.

- Силерди балээни унутамбы?

- Ким билет, үйүңө барсак жоксуң.

- Андан көрө айткылачы, кандай жаңылыгыңар бар деги?

- Толуп жатат, Самат болсо бөлүнгөнү жатат, кесе, аяк, чөмүч-кашык, төшөк-жууркан берип бөлөбүз го? - Нурмира күлүп калды.

- Кудай алсын, экинчи аял дегенди көп эле уккам, экинчи күйөөнү эми угуп жүрөм ай, күйөөсүнө барып келсе деле унчукпай жүрө бергениң кызык, кыскасы эркектин эркеги экенсиң!

- Анан эмне кылам, алы-күчүмдүн барында балдарын багып, картайганда мени карайбы десем боорун жерден көтөрүп алып, өз атасына тартып жатса, убагында ошолорду баккандан тажап иштебей үйүнө жатып алган экен, - Самат бүлкүлдөй күлүп калды. - Атасынын көрү, эми мындан жаш аял алам!

- Ошент, аның кайра таз кейпин кийип, эринен таяк жегенде билет сенин кадырыңды, - экөө анын көңүлүн көтөрүп сүйлөп жатты.

Ким билет дагы уланабы же жашоону токтотуп экөө эки жакка кетеби, аны убакыт көрсөтөөр, кыскасы эки күйөөнү тең ийге келтирип, биринин тапканы менен бирине жагып жүргөн аялдарга рахмат. Заманыбыз өзгөрүлгөндөн бери эки эмес бир күйөөнү кармай албай канчалаган аялдар бойдок жүрөт. Баракелде Саадат, аял болсоң да эр экенсиң.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз