Айгүл ШАРШЕН


"Ачылган айып"


- Аа-а аксакал, сизби? Ооба-ооба, түшүндүм, бала-чака, жеңем жакшы жүрөбү, сак-саламатта жүрөсүзбү, сөзсүз-сөзсүз да, келээрки барганымда буйруса камандын этин алып барам, ооба дарычылыкка, ыя эмне дейсиз, оой аксакал, сизге рахмат, болуптур, мен баарын аткарам, саламат туруңуз, - деген Жолдошбек өзүнчө алаканын жанып алды. Ошол учурда жардамчысы күтүп туруп, сүйлөшүп бүткөндөн кийин кирип келди.

- Жолдошбек Бегалиев, мен иштер менен…

- Токтото тур, анан айтасың, эшикти илип келчи.

- Шашылыш элем…

- Шашып кайда барасың, мен районго кетип жатам, эгер жакшылап сүйлөшсөң менин ордума отурасың, каалайсыңбы?

- Жолдошбек Бегалиевич, мен…

- Мен дегенди кой дагы каалайсыңбы, каалабайсыңбы ошону айт!

- Мен го, мен дечи, канча жылдан бери иштегендер окутуунун отличниктери толуп жатпайбы, алар эмне дешет?

- Аларды коюп өзүңдү ойло, ойлон дагы эртең жообун бер! - Жолдошбек ошентти да колун кете бер дегендей жаңсады. - Болбосо башканы өзүм отургузуп коем, ал колумдан келет!

- Макул, ойлоноюн, - деген Турусбек чыгып кетти.

Ал күнү кечке ойлонуп жүрдү: "Мунун колунан баары келет, эмне экен, директор болсом жаманбы, кой буга кошомат кылайын дагы эптеп орунга жетип алайын. Андан жогорулашым да мүмкүн, эл билгенди мен билбей эмне", деп ойлонуп үйүнө келип аялына кеңешип бир тайды түндөп Жолдошбектин үйүнө жеткирип берди. Айткандай эле бир жумадан кийин Жолдошбек Бегалиевич районго которулуп кетти, анын ордуна Турусбек директор болду. Мугалимдер өздөрүнчө күбүр-шыбыр болуп барып кала беришти. Жолдошбек кенеп да койбой кызматтан-кызматка көтөрүлүп, иши илгерилеп, ити чөп жеп жүрө берди, аялы Айшакандын мурду асманды карап, анча-мынчаны тоотпой мурдун чүйрө баштаган. Кулагы, колу-моюну толо алтын болуп, эскисин элге берип калды. Балдары андан бетер көкүрөк көтөрүп, он алтыга чыга элек баласы Мелис машина минип көчө чаңытып, теңтуштары менен тайтаңдай баштаганы көрүп турган элге дайын эле. Кызы Айгерим мектепти бүтпөй өз билгенин жасайт. Эң кичүү эки баласы Эрнис менен Эмлис гана үйдө. Айшакан алар үчүн деле башы оорубайт, эси-дартынын баары подругалары менен маектешүү менен өтөт. Дагы бир күнү ал эки подругасы Соня менен Канышка мактанып отурду.


- Жолдошбек жакында облуска кеткени турат, буйруса эми силерге дагы жакшылыгыбыз тиет, силердей досторумду колдобогондо кайда бармак элем? - Чоюштай күлүп калды.

- Ай Айшакан, андан көрө бир ишке жарабайсыңбы? - Соня ага акырын шыбырай сүйлөдү. - Менин кудамдын баласы чоң окуу жайды бүтүп келген, эптеп-септеп, совхоздун майда иштеринде жүрөт, ошого райондо бир орун бош экен, сүйлөшпөйсүңбү?

- Ой кокуй күн десе, Жокем менин бир сөзүмдү эки кылбайт, аның жакшылап сүйлөшсө эле, ал орунга отурду дей бер!

- Рахмат досум, жакшылыкты билбеген кантип адам болсун, жакшылап сүйлөшпөй анан, - Үчөө күлүп калды. - Асылзаада аялсың го, Жокем сени жанындай эле сүйөт го, болбосо кайсы эркек аялынын сөзүн уксун.

- Мен дегенде Жокем жанын да берүүгө даяр, ар дайым мени сүйүктүүм, асылкечим деп эркелетип турат, үйлөнөөрдө берген убадасына турду, байкушум.

- Бактылуусуң досум, ушунуң кут болсун. - Каным ага чын дилинен суктана сүйлөдү. - Ырысың бар экен.

- Аа-ай, ошол бакытты өзүм тапканмын да, ушунун баарына чынында атам гана жеткирип жатат, атамдын досу борбордо, чоң кызматта. - Айшакан шыбырай сүйлөп, - эч ким бул сырды билбейт, ошол үчүн Жолдошбекти көтөрүп жатпайбы, - деди сыр кыла.

- Ошондой, болбосо мындай болмок эмес. - Соня чоюштай сүйлөп, Айшаканды көтөрө мактап жатты. - Жолдошбекти Жоке кылган Айшакан турбайбы?

- Оо-ой, ошону үчүн бир сөзүмдү эки кылбайт да, кыйшаңдап көрсүн, атама айтып койсом тешик тепшисине отуруп калат. - Айшакан ого бетер мактана каткырып күлдү. - Балдарым болсо кудайга шүгүр, каалагандай өсүп жатат, кыскасы Айшакан турганда силердей досторум эч кабатыр болбогула! - Ортолорунда койкойгон бөтөлкө вино, семиз койдун этинен жасалган куурдак, үчөө бир топ кызып калышкан. Ошол кезде Айгерим кирди:

- Мама, мен эки күнгө Көлгө кетип жатам, сиз мени издеп убара болбоңуз макулбу, папам келсе өзүңүз түшүндүрүп коесуз.

- Макул, эрте келип кал, атаң өзү бүгүн Фрунзеге кетти, эки-үч күндө зорго келет.

- Ладно мам! - Айгерим апасын эңкейе өпкөн болуп бетине бетин тийгизди да чыгып кетти.

- Заман өзгөрүлүп калды, элиң түлкү болсо түлкү бол, бөрү болсо бөрү бол дешет го, өз убагында ойноп-күлүп алсын. - Айшакан кызын узата карап туруп сүйлөп койду.

- Туура, жашында ойноп-күлүп алсын, ойномок турсун кийимге жетпей үйүндө отурган балдар бар, балдарынын кийими эмес кардын тойгуза албаган үйбүлөлөр көбөйдү.

- Байкуш Брежнев Кыргызстанды кычыратып баратты эле, өлбөс болуп калса болмок экен, Горбачев баарын талкалап кетти.

- Колунан келгени жашап, амалдуусу байып баратат, эмнеси болсо да эл тынч болсо экен, эми Фрунзе Бишкек болуп өзгөргөнү кызык ай!

- Ооба, Бишкек дегенди мурда укпасак, борборубуз Бишкек деп эле жатып калат экенбиз го? - дешип оолжуй эшикке чыгышты. - Ай дос, сага ишенем, дегеле Жокем экөөңөр аман болгула. - Соня ушинтти дагы Канышты колтуктай теңселе басып баратты:

- Жакшы баргыла эми, и баса жанагы ишиңди ылдамдата бер, мен Жокем келсе кулагын ушалап, ары жак, бери жагынан чыгып көндүрө берейин.

- Болду, иш бүттү дей берейин! - Соня колун көтөрүп коюп кете берди.

Соня өзү мугалим, күйөөсү совхоздо завгар болчу, мал-жанды эле бөлүштүрүп совхоздо жумуш жок калганда жер иштетип, мал-чарбачылыгын кармоого фермерлик кыла баштаган. Каныш жөнөкөй эле жумушчу, күйөөсү электрик болуп иштейт. Айшакан менен көңүлү жакын. Соня Айшаканды алдап-соолап инисин кызматка илинтип, ошондон бери мамилеси жакшы.

Айшакан кубанычтуу үйгө кирди, балдары телевизорду көрүп отурат. Аңгыча эшикке машина токтоп, дарбаза ачылып үйгө Мелис кирип келди.

- Мам, мамуля мага акча керек, срочно акча! - деди ал кирип келип эле.

- Эмне кыласың, уулум?

- Ой мам, сурабай эле бере бербейсиңби? - Мелис таарынгандай алакан жайды, - Балдар менен ойноп келем, алардын акчасы бар, мен куру барамбы?

- Канча керек?

- Беш миң.

- Беш ми-иң?! - Айшакан көзүн алайта уулуна таң калгандай карады. - Анча акчаны эмне кыласың?

- Керек да, бересиңби жокпу? - Орой сурады Мелис.

- Беш миң сом жок, эки миң берем.

- Ма-ам, беш миң сом зарыл керек болуп жатат, өзүң деле ойлосоң, жок дебечи мамуля, азыр бир бөтөлкө арак беш жүз болуп жатпайбы…

- Сен эмне, арак ичесиңби?

- Жөн эле айтып жатам, балдар күтүп калды, болчу эрте!

- Жанды койбойсуң го? - Айшакан наалый ички бөлмөгө кирип акча алып чыкты да. - Уулум, эсиң менен бол, атаңдын абийирине шек келтирбей турган болуп жүр! - деди.

- Так точно, мам! - Мелис жүгүргөн бойдон чыгып кетти.

- Эх кудай, ушул бактыбызды кут кыла көр, буйруса бир жылкы келсе, элден ашыкча байып жатып эле калабыз. - Айшакан алаканын жаный ичке кирип креслого отура кетти. - Эми борборго көчүп барып алсак, баары башкача болот. Жокем отурган ордунда аман-эсен турса байлык деген өзү эле келет, балдарды окутуп койсок, үйлөнтсөк, кабат-кабат үйдө жашасак… - Айшакан кыялдана көпкө отуруп калды.

Айшакандын атасы жакшы кызматтарда жүрүп пенсияда, апасы Апакан акыл-эстүү аял эле, көзү өткөндөн кийин Бекмурат экинчи жолу үйлөнүп алган. Айшакандын бир туугандары Үпөлдү анча жактырышпайт, беш бир тууган, эң улуусу эле Айшакан, үч кыз, эки уул. Баары өз-өзүнчө жашап, үй күтүп кеткен. Атасынын үйүнө барган сайын Айшакан Үпөлгө үтүрөңдөп кагынып-силкинип калат. Бекмурат канча жолу түшүндүрүүгө аракет жасаса да болбойт. Бул жолу Арзыкан менен Асылкүл болуп, үчөө келишти.

- Кыздар келиптир, улак карматчы! - деди Бекмурат.

Мал жайлоого кете элек кез, козу-улак күрпөң болуп чөпкө тоюп калган.

- Ийи, азыр айтайын. - Үпөл ордунан козголуп сыртка чыгып баратканда, Айшакан кергиштей сүйлөдү.

- Өзү жетелей келгенсип сойгусу жок, тим эле койчу ата, биз ачкабыздан келген жокпуз.

- Ооба десең, малда биздин дагы көз акыбыз бар, апам байкуш болгондо, атамдан мурун берээрге ашын таппай калмак. - Арзыкан аны коштой кетти.

- Тим болгулачы эми, кудайдын колунда турбайбызбы, апамды өлөт деп ким ойлоптур? - Асылкүл аларды тыйган болду.

- Койсоңорчу кыздарым, карыган кезде кимиңердин көзүңөрдү карайм, жаш келиндерге ыштан-көйнөгүмдү жуу деп бере аламбы? - Бекмурат муңая сүйлөдү. - Апаңар өлбөсө, мен Үпөлдү алат белем?

- Ата, балдарыңыз турат го, жок болсо бир жөн, биз турбайбызбы, ар кимибиздикине бир ай же бир жылдан турсаңыз деле болот эле го?

- Ээ кызым, тамтаңдатып ар кимиңер сүйрөгөнү турасыңарбы? - Бекмурат кейий сүйлөдү. - Карыган кезимде мени кыйнабай тим койгула, баарыңарды окутуп-чокутуп койдум, жашооңор жакшы, эми өлөөрүмдө силердин эшигиңерди сагалабай ушул үйдө эле жашайм.

- Кызык экенсиз, ушу катын сиздин башыңызды айлантып алган го, дегеле ошону көргүбүз жок, болбосо аны кетирип өзүбүз каалаганды алып беребиз. - Айшакан кепке-сөзгө келбей эле сүйлөп жатканда Үпөл кирди:

- Ээ чал, улакты коюп эле, чоң кара күрпөңдү сойсоң боло, кыздар чогуу келип калыптыр. - Үпөл кепке маани бербей, угуп-билип турса да сыр бербей ушинтти, анысын сезген Бекмурат ыраазы болду:

- Ырас эле ошо кара күрпөңдү сойсун, балдарга айт.

- Ошону карматтым.

- Ии-ий, өзүңүз биле баштаган экенсиз да? - - Айшакан кергиштей ага карады. - Кеңешпей-этпей эле карматып.. . Малдын ээси бар, талаадан келген эмес же өзүңүз ала келген мал эмес!

- Апей ботом, сыйлап коеюн десе…

- Жесек да жебесек да ыраазыбыз, кааласак өзүбүз эле союп жеп кете беребиз, сиздики болсо сурамакпыз.

- Кой кызым андай дебе, бир баланын айынан атаңарга келип силерди өз баламдай көрүп сыйлап, сыйын көрүп, аздыр-көптүр тынчыраак жашайын дегем, эмнемден жаздым деги?

- Болдучу! - деп Асылкүл Айшаканды нукуп койду.

- Апамдын кармаган буюмдарын башка бирөөнүн кармаганы мага такыр жакпайт, апам өлбөгөндө… - Айшакан долулана ыйлап кирди.

- Болду эми, жөн эле ыйлай бересиңби? - Арзыкан дагы аны тыйды. - Айлабыз канча, эми атам аман-эсен болсунчу.

Үпөлдүн жүрөгү сыздай сыртка чыкты: "Тоб-бо, эмнемден жаздым буларга, качан келсе ушунусу асылып турат, мына эмесе деп кетип эле калсамбы, атасын өздөрү сүйрөп ары-бери алпарып жүрүп өлтүрүп алсын", деген ойдо көпкө телмирди. Үпөл элүүлөрдөгү аял, Бекмурат алтымыш тогузда, карыган адамга эки иниси болбой жатып алып берген. Баласы жок, эки инисинин үйүндө жүрчү, жаны тынбай ишин жасап жүрсө дагы келиндерине жакпады, бечара. Көзүнө жаш кылгыра бир чекитти тиктеп тура берди: "Кеткенде кайда барам, келинге батпадым, же жараткан бир кызыл эт бербей кыйнады, жок дегенде бир кызым болсо эмне", деп ашканада отуруп анан өзүн соорото казанын даярдап, отунун алып кирип этти асууга даярданды, алардын үстүнө кирбеди, көптөн кийин Бекмурат чыгып анын жанына келди.

- Үпөл, келиндерден чакырып алсаң боло, жалгыз кыйналган жоксуңбу?

- Жо-ок, эмнеге кыйналмак элем, кирип кыздар менен сүйлөшүп отура бер, бир козунун этин бышырган кыйын эмес. - Үпөл күлө-бага ага карады. - Кыздарды жалгыз койбо, тиги Мааданбекке бала жөнөттүм, келип калышат келин экөө.

- Жакшы кылыпсың, сен кыздардын сөзүнө капа болбо, алардын жашоосу бөлөк, анда-мында келип кете турган конок. - Бекмурат кыздарына ичтен нааразы болгонун сездирбей аны жайгара сүйлөдү.

- Эмнесине капа болом, айтса айтып коюшаар, эне деген кыйын, энесинин ордуна капкайдагы тааныбаган аял келип калса күйүнбөй анан, түшүнөм чал.

- Асылзаада аялсың, көтөрүп кой. - Бекмурат сөөлөтүнөн жазбай, эки колун артка ала арыта ойноп жүргөн небересин чакырды. - Адил, келип чоң отун алып келип берчи балам.

- Азыр, чоң ата! - Адил бери карай жүгүрдү, - Чоң ата мен келдим, отун каякта?

- Бастырмада турат.

- Макул. - Адил отун алып келмек болуп бастырманы көздөй жүгүрдү.

Бекмурат анын артынан жылмая карап туруп калды. Үпөл үндөбөй казан жакта күйпөлөктөп жүрө берди: "Ээ жараткан, жакшы жүрдүм, жакшы жашадым, бир арманым, ушунча жашаган өмүрлүк жарымдын көзү өтүп кеткени болду. Балдарым кудайга шүгүр элден кем эмес, мени тартып чоң кызматка умтулушпады. Кыздарым мени кыйнамак болду, бул аял мени сыйлап турат, кийим таза, тамагым даяр, төшөгүм салынуу, ушул жашымда кыз-күйөө менен келиндерден тартынып кимисине жаман көрүнөм", деп Үпөлдү карап турган Бекмурат оор күрсүнүп алды. Аңгыча Мааданбек менен келини Сайнагүл келип калды. Келини кайнатасын ызаат менен баш ийкей учурашып ары жакка өттү. Мааданбек атасы менен учурашып туруп калды.

- Ата, денсоолук кандай, жакшы турасызбы?

- Жакшы, уулум, эжең менен эки карындашың келиптир, кир үйгө.

- Алар эмне жумуштап келишиптир?

- Жөн-жай эле, менден кабар алганы келишкен го?

- Аа-а, иши кылып тынччылык элеби?

- Тынччылык эле уулум, алардын баягы сөзүнө көнүп калбадымбы? - Бекмурат ийнинен дем ала, оор үшкүрүнө үйгө баштап кирди.

- Оо келиңиздер! - Мааданбек эжеси Айшакан менен учурашып анан карындаштарын карады. - Бу чогулуп алып айылчылап жүрөсүңөрбү?

- Ооба, эми сага дагы барабыз, Таалайбек болсо шаарда, сен атамдын кандай жашап жатканынан кабар алып турасыңбы? "Атам кандай киши эле, эми кемпири жокто кыйналып калдыбы" деп келип, көз салып койсоң боло, кайдагы бир катынга бийлетип койбой. - Айшакан инисине какылдап кирди.

- Ой эже-е, атам жакшынакай эле жүрөт, Адил болсо эртеден кечке биякта. Эми Үпөл апама жаман айтпай эле жүрбөйсүзбү, ал киши жакшы аял. Түшүнүп эле турам, өз энебиздей кайдан болмок, бирок аракет кылып эле жатат, кыскасы атамды жакшы караса болду да? Биз экөөбүз тең иштейбиз, үйдө жаш балдар бар, атама убагында ысык тамагын-чайын берип туруш керек, атам азыр жакшы камкордукта, эмнеге минтип жатасыз? - Эжесин жактырбагандай караганда Айшакан унчукпай калды.

Жымжырт болуп калышканда тамагын кыра Бекмурат сөз баштап:

- Балдарым, мен силерге ыраазымын, силер болбосоңор менин ал-абалымды ким сурап, мен жөнүндө ким кам көрөт эле, кудайга миң мертебе шүгүрчүлүк, силер барсыңар, эми мени жакшылап уккула. - Бир саам мурутун жаный ойлуу отурду да. - Мен бул жерден эч жакка кетпейм, мени сыйлаганыңар чын болсо менин көңүлүмдү оорутпагыла, менин дагы Үпөлдүн да жүрөгүн сыздатпагыла, ырас ал силерге өз энеңердей боло албайт, мага Апакандай боло албайт, бирок тагдыр кошуп жатса силердин да, менин да аргам канча?! - дегенде ага эч кимиси каяша кыла албады.

Аңгыча козунун эти келип, бир туугандар тамактанып болуп кетмек болуп калганда, Сагыйпа деген Бекмураттын карындашы келип калды. Ал Бекмураттын атасы менен бир тууган Токтогул дегендин кызы эле. Токтогулдан келген. Бекмурат аны жакшы тосуп алып, кайра үйгө киришти. Сагыйпанын үч уулу бар. Бир баласы кошо келиптир. Аларды коноктоп, ал күнү ошол жерде жатып калышты.

Сагыйпа ошондо элүүлөрдөгү аял, көкүрөгүндө өткөн өмүрүнүн ачуу өкүнүчү, тагдырына таарынган арылгыс арманы бар. Сиңдилери менен конок болуп, жакындан таанышып, өткөн-кеткенди сүйлөшүп, таң атырышты. Эртеси аларды Мааданбек үйүнө чакырып барып конок кылды. Сагыйпанын ата-энеси өтүп кеткен. Балдарына Таласта эки жашында калган Артыкбай деген уулу жөнүндө көп айтат. Ушул жолу дагы Бекмураттан сураштырып отурду.

- Мен кызматтарда жүрүп айылга кийин келдим, эми сураштырып көрөйүн, билем сенин кайын журтуңду, күйөөң Кубанычбекти билем, ал быйыл өтүп кетти, - деди Бекмурат.

- Баламды таап, бир көрсөм болот эле. - Сагыйпа агасына муңая карады.

- Аман болсо көрөсүң карындашым, жаман эмес балдарың бар экен, кудай деген куру калбайт деген сөз бар, энени бала танбайт, чанбайт.

- Ошонун дайнын билбей кыйналып жатам, жардам бер аке.

- Колдон келген аракетти жумшайм карындашым, кам санаба. Балаң жаңылбасам отуз бештерге барып калгандыр?

- Ооба, он бешимдеги да. - Сагыйпа жер карады.

- Аты ким эле?

- Артыкбай.

- Табылат, көп ыйлай бербе.

Көпкө сүйлөшүштү, өткөн-кеткенди козгошту, анан конок каадасы кылып Мааданбектин сойгон коюнун этин жеп-ичип, аерде түнөштү. Айшакан Сагыйпага дагы Үпөлдү жамандап кирди эле, ал ага минтти:

- Сиңдим, акемди карыган кезде күйөө баланын босогосуна алып барба, бир кезде канча адамдын үстүндө жүргөн кишинин көңүлү чөгөт, зээни кейийт. Атаны нааразы кылбагыла, өз үй, өлөң төшөгү, кемпиринин баскан-турган жери, өз колу менен тиккен дарагы, мөмө-чөмөсү турат, зериккенде аралай басып көңүлүн көтөрөт, өткөнүн эстеп аз да болсо моокуму кана, кере дем алып, кенен басат. Кыздын төрүндө жүрсө корунат, тагдырына нааразы болуп кейип, көңүлү чөгөт, кыйнабай эле койгула, - деди Сагыйпа.

- Эже, негедир эле жанагы Үпөлдү көргүм жок.

- Кой антпе, жакшы эле аял экен, аздыр-көптүр акемдин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, калган өмүрүн акем менен өткөргөнгө даяр экен сиңдим. Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы дегендей бир перзенттин айынан карыган кишиге тийүүгө аргасыз болгон тура, мына мен ушул куракта эрге тийээр белем, жок дегенде балдарымдын босогосунда өлөйүн демекмин да.

- Деги мени баарылап жеңдиңер, ырас эле атам көптүн бири эмес, журтубузда эки жакшы болсо ошонун бири эле, кыйнабайын эми, - деп Айшакан унчукпай калды.

- Эсиң бар айланайын, күйөөңдүн эшигине алып барып, назарын суутпа, көңүлүн чөктүрбө, колуңдан келсе ал-абалын билип тур, сый бол, мен болсо алыстамын, тагдыр ташым алыска түшүптүр, - деди Сагыйпа үшкүрүнө.

- Ырас айтасың эже, атамдын көңүлүн кейитпейин.

- Ошент садага, Мааданбек туура айтат, карыган кезинде келинге көз каранды кылбагыла.

Үпөл ичинен тынып сыртынан сыр билгизбей алар менен чогуу конокто, келин-уулу аны сыйлап отурушат, аларга ыраазы: "Тагдырым пешенеме жазганы ушул болсо аргам канча, буйруганын көрөөрмүн, сыйлаганды сыйлаармын, сыйлагысы келбегенин унчукпай жеңээрмин, кудай кандай азап-тозокту жазса көтөрөөрмүн, көтөрбөскө аргам жок", деп ичтен сызып жатты. Аңгыча Адил менен Мааданбектин кичүү кызы Сауле Үпөлдүн жанына келип эркелеп калышты.

- Чоң апа, - Сауле анын тизесине отуруп алып мойнунан кучактап алып, - Чоң апа, мен дагы силейдикине байайынчы.

- Бара гой көлөкөм, Адил экөөң барып бизге эрмек болгула. - Үпөл кызды саамайынан жыттай эркелетип койду. - Мага жардам берип, чай кайнатып бересиң да ээ?

- Ооба да, Адил акем экөөбүз байабыз, мен чай кайнатып бейем.

- Ыкы, сен жардам бере албайсың, чоң энемди кыйнайсың.

- Кыйнабайм ээ, чоң эне?

- Жо-ок, мен силерден кыйналбайм. - Мээримдүү жылмайып койду.

- Чоң энем сени жакшы көйө-өт, - Сауле Адилге ээликтей карап койду. - Чоң атам дагы-ы.

- Мени деле жакшы көрөт. - Алар ошентип жатканда Айшакан Сагыйпага шыбырап калды:

- Байкуш апам десең, ушуларды көрбөй гана өлүп кете бербедиби?

- Кой угат, капа болуп жүрбөсүн, анын дагы биздикиндей жүрөгү бар да, Айшакан. - Алар ушинтип сүйлөшүп жатканда, Бекмурат менен Үпөл чыгып кетти.

- Болсо боло берсин, апамды ойлосом такыр көргүм келбейт.

- Капырай, ал күнөөлүү эмес да, өлгөндүн артынан өлмөк жок экен, минтип өлгөндү кайрый албай мен деле жүрбөйүнбү, бирок мен атама аябай нааразымын.

- Эмнеге?

- Атам мени он үч жашымда кудалап коюп, өз эркимди жоготуп, өмүр бою өкүнүч-өксүк менен келе жатам. - Ойлуу карады Айшаканды. - Сен Жолдошбек менен сүйлөшүп, баш коштуң беле?

- Ии-ий эже, сиз эмне дегени турасыз. - Айшакан эжесине күлө карады. - Эмне, бирөөнү сүйдүңүз беле?

- Оо кокуй, азыркылардын сүйүүсү оюнчук да, биздин убактагы сүйүүнү айт, кандай гана сүйүшпөдүк! Ошондо мен он бешке эле чыккам, жаңы гана бүчүр байлаган чырпыктай солкулдаган жаш келин элем…

- Келин элем дейсизби? - Айшакан таңдана кулак төшөдү.

- Ооба, келин болчумун, атам мени он үчүмдө сөйкө салган адамга күйөөгө берген, мен аны менен бир ай гана жашагамын…

- Кызык, чоң атам ошондой киши беле, эмнеге жапжаш бойдон күйөөгө берет, жаш кыз эмнени билет…

- Ошондой сиңдим, балтыркандай жаңы көктөп, ак караны жаңыдан таанып, ажырата баштаганымда ой-боюма койбой берип койгон.

- Жаман болгон экен, анан кимди качан сүйүп калдыңыз, эже?

- Ал узу-ун жомок, көкүрөгүмдөгү толгон бук, арман менен ыза өмүр бою жүрөгүмдү сыздаткан оору жанымды кейитип жашап келе жатам. Бир гана бактым - балдарым бар, өкүнүчтүүсү сүйбөгөн адамымдан балалуу болгонум, кимге айтып арманымдан арылаарымды билбейм, жок дегенде болгон окуя кимдир бирөөнүн көңүлүн буруп, сүйүүнүн ыйыктыгын сезип, булгабай жашаса деймин. Сүйдүм дешет, сүйүүнү билбей туруп. А сүйүүнүн ачылбаган сырлары көп, чечилбеген суроолору толо. Жалган сүйбөй, чын жүрөктөн берилип сүйө албасаң, өзүңдү алдаба… - Сагыйпа өзүнчө ойго туна берилип сүйлөп жатты.

Аны көрүп турган Айшакан ичинен: "Сүйүү деген деги барбы, мен Жолдошбекти сүйөмбү, алчы, ал мени сүйөбү?", деп ойго чөмүлө түштү. Бирок ал оюнун аягына чыга албай Сагыйпа эжесинин тагдырына кызыгып:

- Эже, башынан айтып берсең, түн бакырдыкы дейт эмеспи, эми эле кеч кирди, түн узак, сүйлөшүп жаталы, тигилер болсо уктады, - деп Айшакан ага карады.

- Кой, кызым, кийин бир жайчылыкта айтып берээрмин, азыр болсо атаңы көп кыйнаба, кантсе да улгайып калбадыбы… - Сагыйпа бежиреп отуруп, уйкуга алдырып кетти...

Айшакан эки сиңдиси менен кайра атасыныкына келди. Үпөл аларды адатынча жаркылдап жайнап тосуп алды, өзү толук ак жуумал келген сулуучумак аял.

- Келгиле кыздар, сапарыңар жакшы болдубу?

- Эне, өзүңөр кандай, атам жакшыбы, биз эми кетебиз, - Асылкүл жайдары карай жооп күттү.

- Жакшы эле, кудайга шүгүр, кирип чай-пай ичип алып анан чыккыла.

- Атам үйдөбү? - Арзыкан кайдыгер сурап койду.

- Атаң үйдө эле жатат, жашында эмгекти жасап койгон тура, эми эс алсын, - Күлүп койду, негедир ал жылмайганда жүзүнөн мээримдин учкундары чачырап жылдыздуу эле.

- Жүргүлө атама жолугалы, - Асылкүл эки эжесин карады.

- Жолукпай кетмек белек, - деп Айшакан ичкериге кирди, анын артынан экөө ээрчий кирди.

Үпөл дасторконун алып келип, тамак ашын алып келди. Аны карап туруп Айшакан: "Жылдыздуу аял экен, төрөбөгөн аялдар мээримсиз болот дечи эле, байкушту көп эле жерий бербейинчи, кудай кылса кубарыңдын акысы барбы дегендей апам өлбөсө алмак беле атам", деп ойлонуп алды. Ошентип чай ичип атасы менен сүйлөшүп, көпкө отурушту, ошол кезде эшиктин алдына машина токтогондой болду, Үпөл чыга калып:

- Кир-кире гой, үйдө ал, - деп калды.

- Ушул жерден эле кетишим керек, Айшакан эжени алып кетишим керек, - Айдоочу болбой койду.

- Айшакан, сага келиптир, - деди Үпөл үйгө кирип.

- Эмнеге, жөн-жай бекен?

- Айтпады, алып кетем дейт го?

- Кой анда ата, мен кетейин, Жолдошбек келген го, - деп Бекмурат менен коштошо шашылыш чыгып кетти.

Асылкүл менен Арзыкан да чогуу жөнөштү. Айдоочу эч нерсе дебеди, бирок аны жаман кабар күтүп жаткан эле. Жолдошбек ачуулуу ары-бери басып, күтүп жаткан экен, аялын көрүп эле бакылдап кирди:

- Сен өзүңдү-өзүң билип кайда жүрөсүң, балдарды баш-көзү жок таштап коюп?

- Эмне болду, атамдын акыбалын көрүп келейин деп эле баргам, - Айшакан ага моюн бербей алкына кетти, - Качанкыга үй күчүк болуп отура берем, сен кызмат деп үйгө жолобосоң мен карыган атамды көрө албаймынбы?

- Эй энеңди урайын, бас биякка, - Жолдошбек аны ары колтуктай алып барып, болгон ишти айтты, - Ошондой болуптур, эми балаңды соттогону калды.

- Баланы арачалап кала албасаң, кызматта чиренип эмне кылып жүрөсүң, кокуй ай, балама алып барчы мени, бир көрөйүн, - деп чыйпылыктап жиберди.

- Азыр болбойт, жолугуп келдим. Кайда жүрдүң, кайда барасың деп сурап койбой ээн-эркин кое берип ушул болуп отурат да, Айгерим кайда кеткен, көрүнбөйт да?

- Үйдө эле болчу, - Айшакан анын көлгө кеткенин жашырып күнөөлүүдөй үйгө карай кадам шилтеди, оюнда аны дагы бирөөлөр зордуктап койгондой жүрөгү шуу дей түштү.

Мелис үч миң сом алып достору менен тоого чыгып беш бала, беш кыз болуп, тамак ашты мол алып, ичкиликти толтуруп, ойноп-күлгөнү барышат. Баары ичип кызуу абалда кыздарга тийише баштайт, алардын ичинен Таңсулуу деген кыз ичпей да коет, өзү татынакай сулуу кыз, ата-энеси жок, таенесинин колунда чоңойгон максаты бийик кыз эле. Узун чачын өрүп койсо, согончогуна жетип турат, өтө назик, кичи пейил кыз. Мас болуп алган кыздар балдар эки-экиден болуп кучакташып отурганда жанындагы жигитине:

- Мирлан, мен минтип кеч калаарыбызды билгенде келбейт элем, сен менин жаныма отур, мен сага ишенем, - дейт акырын.

- Сени көзүмдүн карегиндей гана сактайм, жаным.

- Рахмат.

Кыз отту тиктеп отурганда Мелис жанындагы кызын таштап, алардын жанына келди:

- Эмне силер түндү ушинтип тозосуңарбы? Мирлан дос, бүгүнкүдөй убакыт күндө эле келе бербейт, селкиң аябай сулуу экен, кел экөөбүз алмашабыз.

- Байкап сүйлө Мелис, Таңсулуу андай кыздардан эмес, биз таңды ушинтип эле тособуз, - Мирлан ачуусу келе Мелиске бир тийди, - Бар кызың менен өзүң көңүл ача бер, бирөөлөргө тийишип эмне кыласың?

- Ом-ээй Мирлан, серезно айтып жатасыңбы?

- Серезно.

- Андай кыздардан болбосо эмнеге келди?

- Мен үчүн келди.

- Да-а, сен үчүн дечи, - Мелис Таңсулуунун жанына отуруп - Сулуу кыз экенсиз, - деди ээгинен өйдө кылмакка колун сунуп.

Таңсулуу колун кагып жиберди:

- Уятың жок тура Мелис, кызыңа барбайсыңбы?

- Эй, - Мелистин ачуусу келип кетти, - Мени кага турган сенсиңби ыя, мен өз каалаганымды кылам, ал менин алып алган аялым эмес, керек болсо сага дагы жарайм!

Ыржая күлгөндө жаакка чаап-чаап жиберди Таңсулуу:

- Акмак, тапкан экенсиң, кыздардын баарын бирдей ойлоп жатасыңбы? Баалуусу да баасызы да бар, байкап мамиле кылып жүр! - Таңсулуу ордунан тура калып, көздөрүнөн жаш куюла сүйлөп жатты, - Сен атаңдын мансабына чиренбе, бирди көрүп каласың!

- Эй кыз, оозуңа карап сүйлө, атамдын бул жерде кандай тиешеси бар?

- Эң сонун бар, арам акчага көппөй, көзүңдү ачып жүр! - Таңсулуу Мирланды карады, - Мирлан кеттик, сенин мындай досторуң бар экенин билгенимде, сени ээрчип келмек эмесмин, - дегенде Мирлан туруп аны колдон ала жөнөдү.

- Мирлан, досторуңду ушундай арсыз кыздар үчүн кыйып кетесиңби? - деп Мелис үн катканда ары жактан кызуу, чачтары саксайган Ырыс жетип келди:

- Мелис, жаным, жүрчү, алар кетсе кете берсин, - деди эле Мелис аны түртүп ийди:

- Жоголчу ары, ушул кызга азыр бирди көрсөтөм, - деп кетип жаткандардын артынан жүгүрдү.

Калган балдар кыздары менен эч нерседен капарсыз бадалдын арасына кирип кетишкен эле.

- Мелис дейм, аларды тим кой, жаным, койчу ошолорду!

- Жап оозуңду, кааласаң башкасына жабыш, таап ал! - Мелис жүгүрүп жетип Мирландын колун бекем кармап алып жүгүрүп бараткан Таңсулууну карыдан булка тартты, - Сен ошондой эле кыйын кыз болсоң көрөлүчү, - Көздөрү чакчайып, кызуулугунан эмне кылып жатканын да билбей башы тумандап турган, - Канчабызга туруштук берээр экенсиң!

- Тарт колуңду, мени кое бер!

- Кое бербесемчи?

- Мелис, койчу эми дос, кыз кишиге мындай мамиле кылган болбойт. үйүнө жеткирип коюп, кайра келем, - Мирлан Мелистин колун бошотмок болуп ортого түштү, - Кое берип койчу?

- Эмнеге кое берем, сен бар тиги Ырыска, ал сени жыргатат, а мен Таңсулуу менен жыргайм!

- Жинди болбо Мелис, ал таза кыз, жооп берип каласың, кое бер, жөнөтүп коелу.

- Тур деп жатам!

- Тийбе Мелис, бул менин кызым, Ырысыңдын мага кереги жок, - Мирлан дагы ага ачуулана Таңсулуунун колун андан бошотуп экөө жүгүрүп жөнөдү.

Мелис жинденип колуна жерден таш алды да аларга жетип барып, Мирланды башка бир койду, Мирлан кулак үстүнө тийген соккудан жыгылып түштү.

- Сен уктап тур, эртең өзүң жалдырайсың, - деди да узап бараткан кызды колунан кармап, өзүнө күч менен тартып, - Качпа-а, сен өзүңдү асмандагы айга теңебе, жерде жүрсөң. Кана көрөм азыр… сенин күчүңдү көрөм, - деп көйнөктөрүн айрып ыргыта баштады, чырылдап түнкү тынчтыкты буза кыйкырган кыздын үнүнө, боздогон көз жашына карабады:

- Кое бер акмак, түрмөдө чиритем, жырткыч айбан, кое бер мени! Жарда-ам! Жардамга келгиле-е!

- Жап оозуңду, бир аздан кийин өзүңө дагы жагып калат, жалдырап кыңкыстап жүрбө!

- Макулуктан айрымасы жок акмак, кое бер дейм, - Кыз кара терге түшө аны менен күрөшүп жатып шайы кетип калды.

Мелис аны энеден туума жылаңач кылды да, өзү чечинип денесине чөп, тикендин өткөнүнө карабай басып жыгылды, тыбырчылап сүйлөп, бакырып жаткан кыздын оозун бир колу менен басып алып, өз максатына жетип, шымын кийип жатканда кызуу Ырыс тамтаңдай басып келип:

- Менден өйдө бекен, сулуу бекен? Мелис, сага эми мен жакпай калдымбы? - деди да колундагы арактын бош бөтөлкөсүн Таңсулууну көздөй шилтеди, - Азыр экөөңдү тең өлтүрөм, мени сүйөм деп кыздыгымдан ажыраткансың.

- Жогол дебедим беле, менден өлө албай турасыңбы, ыя жалап?

Мелис аны бир чапканда Ырыс жыгылып кетти. Таңсулуунун башына бөтөлкө тийип, ал эси ооп жатып калды. Ошол кезде Мирлан эсине келип, аларды көздөй келе жаткан. Таңсулуунун эчтеке билбей, энеден туума жылаңач жатканын көрүп:

- Энеңди урайын Мелис, бул эмне кылганың? Сени мен адам экен деп жүрсө ит экенсиң, эртең өзүң жооп бересиң, - деп сөгүнүп, сүйлөнүп Таңсулуунун ар кайсы жерде жаткан кийимдерин жыйнап келип, - Тур, Таңсулуу кетебиз, турчу кетели, - деди.

- Сүйгөнүңдүн акыбалын көрдүк, талашы жок кыз экен, анысынын баасын сага төлөп коем, үйлөнүп алсаң анда-мында барып турам ха-ха-ха, биринчиси өзүм болбодумбу?

- Энеңди! - Мирлан ага жетип жакадан алды, экөө алышып калды, Ырыс көзүн ачып тура калды да Мелиске болушуп аны түртүп ийди, - Жырткыч, макулук айбан, кыз кишиге ушундай мамиле кыласыңбы? - Мирлан аны менен мушташып жатканда, Ырыс экинчи жолу түрттү эле, ал жини келип, - Эй жалап, сен эмне тойгузалбай калдыңбы, же улам жаңысы менен болуу сен үчүн максатпы? - Мирлан Мелисти бир муштап, ортосунда Ырыс чырылдап жүрүп, заматта масы таркай түштү:

- Балда-ар, жардамга келгиле, балда-ар! - деп кыйкырып кирди.

Ары жактан эки-экиден жаштар жетип келишти. Караңгыда эч нерсе көрүнбөй, Таңсулуу эптеп кийимин кийинип, ботодой боздоп туш келди кетип жатты.

- Силерге эмне болду балдар, эмнеге мушташып жатасыңар?

- Силер жинди болдуңарбы? - дешип экөөнү эки жакка бөлүп, машинаны көздөй басты.

Мелис дагы ичкен арактын уусу тарап, башы зыңылдай эмне иш кылганына башы жетпей, машинага отурду. Мирлан болсо Таңсулуунун артынан жүгүрүп жетти.

- Таңсулуу, токтой турчу, бети-колуңду жууп, өзүңө келчи, - деди ага.

- Жогол көзүмө көрүнбөй, сенин мындай акмактар менен жүргөнүңдү билсем жаныңа жоломок эмесмин, ал акмакты түрмөгө чиритем, аянаар эч нерсем жок! - Таңсулуу аны түртүп ийип, жүгүрүп жөнөдү.

Түн ортосунан ооп калса да, айсыз караңгы түн өз өкүмүн жүргүзүп, ар кайсы тараптан куштардын сайраганы, түнкү тынчтыкта алда кайдан шаркыраган суунун үнү угулуп, теребел мемиреп турган.

- Мени кечир, Таңсулуу, сени жеткирип коеюн, жол алыс, токточу эми…

- Эмне, кечирейинби сени? - Таңсулуу көркүрөгү айрылган көйнөгүн колу менен кымтылап кармап алган, токтой калып Мирланды тике карады, - Мына, сенин көз алдыңда кордолдум, аласыңбы мени, сүйөм-күйөм дечү элең, эми дагы сүйөсүңбү?! - деди үнү дирилдей.

- Таңсулуу, мен сени жеткирип коеюн деп жатпайынбы, жолдо дагы бирдемеге кабылып жүрбө.

- Ыя, мындан дагы өткөн балээ бар бекен? Ушундан көрө жырткычка жем болсом кана, көрдүңбү сен эми менден аргамжы бою алыс качасың, анткени мен кордолдум, сенин акмак жырткыч досуңа уктуңбу? - деди да жүгүрүп кетип калды, кийими тытылып, денеси ооруксунуп, жылаңач денесин чөптөр тилген бечара кыз түнкү тынчтыкты бузуп, өңгүрөп-өксөп ыйлап да, жүгүрүп да баратты. Мирлан анын артынан келе берди: "Ырас айтат, мен Таңсулууну сүйгөнүм менен үйлөнө аламбы? Ойлонуп көрүшүм керек. Акмак Мелисти бул бойдон калтырса ого бетер көбөт, бирок, Таңсулуу элдин алдында абийири төгүлөт да, андан кийин ага ким үйлөнөт", деп ар ойдун башын ойлонуп келе жатканда Мелис менен кыздар болуп баары сүйлөшүп жатышты.

- Корочье, - деди Нурлан дегени, - Таңсулуу кайда барбасын далилдей турганы жок, өзү уят болот, давай Мирланды жайлап салабыз.

- Эмнеге, өлтүрөсүңөрбү? - Жибек көздөрүн алайта карады.

- Антпесе баарыбыздын абийирибиз төгүлөт, силердин ата-энеңер билсе эмне дейт, ал баарын айтат. Бир гана жол, Мирланды жок кылыш керек!

- Туура, - деди Мелис, - Эгер ушул иш жабылып калса, ар бириңерге беш миң сомдон ооз басырыкты мен берем.

- Бир пикирге келсек болду, араңардан бирөөңөр шек билгизип койсоңор болбойт!

- Сүйлөштүк, анда тигилерди тезирээк кууп жетүү керек, - дешип машинаны ызылдата өңгүл-дөңгүл жол менен катуу айдап келе жатышты.

Жибек гана оозунан сөз чыгаралбай коркуп келе берди, бир кезде жолдо жалгыз кетип жаткан Мирланды жарыктан улам таанышты да, газды басып, үлгүртпөй уруп кетишти. Жибек бакырып көзүн жумуп ийди.

- Сен эмне болуп жатасың? - Жигити Кемел анын оозун басып калды, - Минтип жүрсөң эчтеке жашыра албайсың.

- Туура эмес кылдыңар, балдар-кыздар, жана эле чогуу отурган баланы өлтүрүп алып, кантип тынч жашайбыз, убалычы? - Жибек ыйлап жатты, - Туура болгон жок…

- Өзүңдү карма Жибек, мына айылга келип калдык. Макулдашып алалы: Мирланды биз көргөн жокпуз, Таңсулуусун дагы, кандай дейсиңер? - Мелис артында отургандарга карады, - Мен эртең менен эрте шаарга кетип калам, колуңардан келсе баарыңар убактылуу биерден кетүүңөр керек, - Машинасын токтотту.

- Каякка кетебиз Мелис, анда мени шаарга өзүң ала кет, - деди Ырыс.

- Сени кайда алып барам? Чогуу жүргөнүбүз болбойт, ар кимибиз өз-өзүбүзчө кетели, - Мелис кызга жини келе карады, - Сен мени жөн эле күйөөңдөй көрөсүң да?

- А өзүң мени алам дебедиң беле, сүйөм деп жүргөнүң жалганбы?

- Болду, азыр сүйүү жөнүндө сөз болууга тийиш эмес, тиги Таңсулуу кайда кетип калды экен, ал милицияга жеткиче изибизди суутуп кетели, - Мелис машинасын ордунан жылдырып жөнөдү.

Жибек ичинен жини келип жатты: "Таңсулуу өз абийирин төккөндөн коркуп унчукпай калат, анын сыры белгилүү, булардын абийирин өзүм төгөм, сөзсүз үйгө барбай эле милицияга барам", деп ойлоп келе жатты…

Мирлан ыргып барып, жол жээгине түшкөн менен анча жаракат алган жок, буту аксап, чекесинен кан шүүнүндөп агып зорго турду. Борпоң топуракка тийгенге жеңил эле, кокус таш же асфальт болгондо талкаланып калмак. Эки сааттай жатып, анан ордунан турган, досторунун бул кылыгына башы жетпей: "Мас немелер мени көрбөй калды го, эптеп үйгө кирип кийимимди которуп алып, Таңсулууга барайын, "мен өзүм алам" деп. Аны эч кимге айтпа дейин, эртерээк жетпесем ызасына чыдабай арыз жазып коет", деп ойлонуп денесинин ооруганына карабай зорго келе жатты. Таң агара баштап, чыгыштан супа салып калганда, атчан адам жанынан өтүп баратып:

- Ой сен кимсиң, кайда барасың? - деди үңүлө.

- Мен Турдаалынын баласымын.

- Ой атаңдын оозугач-чайын десе, Мирлансыңбы, кайдан таң атпай? - Атчан токтой калды.

- Ушул жактан эле, - Башын шылкыйта жооп берди.

- Учкаш.

- Аке, мен мине албайм го, бүткөн боюм ооруп жатат.

- Эмне болду эле?

- Жардан кулап кеттим.

- Эмнеге бардың эле?

- ? . . .

- Кел анда, мен сени өзүм мингизейин, - Аттокур түшө калып аны көтөрүп, атка мингизмек болгондо Мирлан бакырып ийди, бүт денеси ооруксунуп турган, - Сенин бир жериң сынган го, кабыргаңда мандем бар, доктурга барбасаң болбойт, - деп Аттокур аны мингизип, өзү артына учкашып, атка камчы салды.

- Үйгө жеткирип койсоңуз болду, - деди Мирлан онтолой.

- Жеткирбей анан, - деп койду Аттокур.

Аны жеткиргенде атасы Турдалы эшикте жүргөн, Аттокур аны көтөрүп, түшүп жатканын көрүп, чоочулай жетип келди:

- Эмне болду, уулум?

- Эчтеке, - деп Мирлан басып жөнөмөк болуп, чаңырып ийип, көмкөрөсүнөн түштү, Аттокур менен Турдалы кармай калып үйгө алып кирди, Мирлан эчтеке сезбей дагы басып келатканына таң калды, арка сөөгүнөн ажырап, бутунун жоон санынан жарака кетиптир, денеси бүт көгала, ооруканага алып барып жаткырып, ошондо гана козголо албай калды, көрсө кызуулугунан сезген эмес экен. Ал антип, ооруканада жатканда Жибек үйүнө барбай эле, милицияга кайрылды, ал болгонун болгондой айтып келип:

- Мирланга жардам керектир, ал өлгөн эместир, мен алардан корктум, балким мени дагы өлтүрүп коебу деп, - деди ыйлап отуруп.

- Чогуу белеңер?

- Ооба, чогуу отурганбыз, Таңсулуу ичпей койгон, ошого Мелис деген бала тийишип жаткан, анан аны.. - Ыйлап бетин басты, - Аны зордуктап коюптур.

- Мирлан каякта эле?

- Жанында болчу.

- Ал кошо кирдиби?

- Билбейм, биз ары жакта болчубуз, - деп ыйлап айтып берип жатканда, Таңсулуу баш бакты. Ал Жибекти көрүп: "Муну дагы зордуктап койгон го", деп мостоюп кирип келатканда Жибек тура калып аны кучактап:

- Мирланды өлтүрүп коюшту-у! - деп шолоктоп ийди.

- Ким, кимдер өлтүрдү?

- Мелистер, мен дагы машинада болчумун, мен бакырып ийсем Кемел менин оозумду басып туруп алды, алар эч кимиси айтпай шаарга качып кетмек болуп жатышат!

- Акмакта-ар, Мирлан… - Таңсулуу өңү боппоз болуп барып, өзүн жоготуп койду.

- Жардам бериңизчи! Таңсулуу, көзүңдү аччы, эсиңе кел, Таңсулуу! - Жибек аны кучактап бетине чапкылап жатты. Милиция кызматкери жардамдашып отургучка отургузушуп бетине суу сээп, - Көзүңдү ач Таңсулуу, - деп чыйпылыктап жатты Жибек.

Көптө барып, көзүн ачкан Таңсулуу:

- Жибек, Мирланды кайда таштадыңар? - деди акырын үн чыгара.

- Жолдо, жолдо калды, машина менен уруп кетти Мелис.

- Ай кудай ай, өлүп калдыбы Жибек, эми эмне болот? - Таңсулуу көздөрүнөн мөлтүлдөгөн жаш куюла өйдө болду, - Мен ага барышым керекпи?

- Качан жетесиң? - Жибек милицияны карады, - Тезирээк барбасак өлүп калышы мүмкүн, мен ишенем, ал өлгөн жок болуш керек, түртүп эле кетти.

- Азыр машина келсин, барабыз, - деди милиционер экөөнө баш ийкей.

- Бегалиев Мелисти кармашыңыз керек, ал кетип калышы мүмкүн, - Жибек милицияга карады, - Качып кетишет.

- Жанагы Бегалиев Жолдошбектин баласы эмеспи ал?

- Ошол, атасына чиренип, ушул ишти кылып жатат, - Жибек бежиреп жатты.

Ал азыр жан дүйнөсү ооруп турган, балдарга кошулуп, өзүнүн курбулары дагы кылмышты жашыргысы келгенине жини келип жаткан, бирок ал ушунун азабын бир кезде тартып калаарын билбеди.

- Андай акмакты камаш керек, атасы чоң болмоктон президент болуп кетсе дагы, - Милиционер Абай ручкасын колго алып, Таңсулууну карады, - Чоң кыз, сиз арыз жазасызбы?

- Адегенде Мирландын ал-абалын билип алалычы аке, анан өзүм айтам, жүрүңүздөрчү барып келели, - деп Таңсулуу жанындагыларга карады.

- Сен Кулматовичтин үйүнө тез бар дагы Мелис деген баласын кармап кел, эки кылмышты бир жүктөнүп алыптыр.

- Жарайт жолдош лейтенант, - Жапар чыгып кетти.

- Жаныңа бирөөнү алып ал!

- Жарайт!

- Биз азыр жөнөйбүз, адегенде Бегалиевди алып келели, анан барабыз, аңгыча сиз арызды жаза бериңиз.

- Тезирээк барсак болот эле, эмдигиче эмне болду, бирөө жарым көрүп калса жакшы, көрбөсө өлүп калат го?.

Жибек менен Таңсулуу экөө алмак-салмак тыбырчылап жатканда, Мелистин эки колун артына байлап алып келип калды, ал кирип келатып эки кызды көрүп, жаагын түйүлтө тишин кычыратып алды да кирип кетти. Анын артынан Жолдошбектин карындашы Мөлмөл кирди.

- Айланайындар, эмне кылмышы бар экен, айтпай-дебей эле колуна кишен салганыңар үчүн жооп берип каласыңар, мунун сурап алаары бар.

- А булардын сурап алаары жок бекен? - Абай аны көзүнүн төбөсү менен карай суроо берди.

- Булар ким экен, кандай тиешеси бар экен? - Мөлмөл түшүнбөй кыздарды жал-жал карады.

- Сиз бара бериңиз, биз тактайлы, сиз биерде турганда эмне кылмак элеңиз.

- Кетпейм, ушул жерде турам, апасы да үйдө жок эле, баланын кандай күнөөсү бар экенин угуп, анан кетем, - деп Мөлмөл отуруп алды.

Аны карап турган Таңсулуу жини келип, арыз жазып берди да:

- Мирландан кабар алсак болот эле? - деди.

- Жүргүлө, машина келди, барып келели, - Абай ордунан туруп сыртка жөнөгөндө, эки кыз аны ээрчий чыкты. Жолду көрсөтүп келатып, Мирланды табышпады, түнкү мушташ болгон жерге чейин барышты, акыры кайра тартып Мирландын үйүнө келип, анын ооруканага жатканын билишти. Милиция менен чогуу келген кыздарды көргөн апасы Бурулкан:

- Ээ айланайын, тынччылыкпы деги, Мирлан жардан жыгылып кеттим деди, дагы жакшы Аттокур көрүп калып, алып келди.

- Эчтеке эмес эне, башкысы уулуңуз аман экен, ошону билгени келгенбиз, - Абай жылмая жооп берип машинага отурду.

- Биз кала берелиби? - деди Жибек ага.

- Жок, али көп көрсөтмө бересиңер, Мирланга да чогуу барабыз, ал ата-энесине жыгылып кеттим деген тура.

- Өлбөй калганы жакшы болду, аябай корктум эле, - Жибек кубана сүйлөдү, - Ырыс, Света, Сезимдер кайда болду экен, алар качып кетебиз деп жаткан.

- Ал кыздарыңардын дарегин жазып бергилечи.

- Макул, - Жибек ага айтып бере салды.

- Түшүнүктүү, - деп койду Абай, анан Таңсулууну көз кыйыгы менен карап койду.

Жибек эбиреп-жебиреп сүйлөп жатса, ал токтоо гана отурган. Жибек деле кара көз, кара каш ак жуумал кыз, бирок жылдызы жок, эркек сымал үнү жоон, шыр сүйлөп, жамандыкты дегеле адам баласына ыраа көрбөгөн ак көңүл, боорукер. Таңсулуу аты айтып тургандай таңдын атышындай сулуу, жибектей созулуп, ички сырын билсең билип ал, билбесең калып кал дегендей ажары төгүлгөн татынакай, назик кыз. Жүрөгү эзилип, өзүн кордогон Мелисти каргап турганда Мирландын акыбалы ого бетер сары-санаа кылып койду.

- Кыздар, кана сүйлөгүлө, тоого канчооңор бардыңар эле, чатакты ким баштады, бир баштан окуянын болгонун толук жазып койгула, - Абай экөөнүн алдына барак менен ручка таштады, - Чындыкты жазгыла, ушул боюнча тергөө жүрөт.

- Эч кандай жашырбайбыз, - Жибек ушинтти, Таңсулуу болсо унчукпастан жазып кирди.

Ошентип эки кыздын көрсөтмөсү менен Мелисти камап коюшкан. Жолдошбек ары жак, бери жакка чалып, Мирландын ата-энесинин алдына барып, ич арадан отуз миң сом берип койду. Мирлан билген жок, бирок өзүн атайын өлтүрмөк болгонун укканда жини келди. Мелисти куткарып алуунун амалын кылып, Таңсулуунун таенесинин үйүнө Айшакан менен Мөлмөл келди, толтура, белек-бечкек алып келишти.

- Эне, бир эл, бир журтпуз, баланы каматканда эмне, Таңсулууну келин кылып алалы, макул деп коюңуз, - Айшакан Созулдун колунан өөп, жалдырап ыйлап да жиберди, - Сизде дагы бала болгон эмеспи эне, алтын шилекейиңизди чачыратыңыз.

- Ооба эне, бала балалык кылып коюптур, кечирип койгула, кызды өзүбүз келин кылып алабыз, - Мөлмөл дагы кепке кошулду.

Созул үйдө жалгыз эле, Таңсулуу төркү бөлмөдө ыйлап отуруп катуу уктап калган экен, алардын үндөрүнөн ойгонуп кетип, көпкө угуп турду да туруп, алардын үстүнө кирди:

- Ошол келесоо, жырткыч балаңарга тийгенче өмүрдөн так өткөнүм жакшы, алып келгениңерди алгыла да берчү кишиге бергиле, менин тагдырымды талкалаган алаңгазар балаңардын багы ачылбай, түрмөдөн башы чыкпай жүрүп өтсүн!

- Ай-ий кызым, андай дебе, бала да ал деле, бейбаштык кылып коюптур, тийсең ошондой эле күйөөгө тиесиң да, андан көрө тайтаңдап, эрке келин болуп калбайсыңбы?

- Ооба десең, сен дагы ачууң менен айтып жатасың кызым, кой антпей тилибизди ал, кадимкидей эле салт менен алып кетебиз, айланайын.

- Эч качан андай доңузга аял болбойм, жолуңарга түшкүлө, мен антип алданбайм, догурунуп эрге тийгенче өлгөнүм артык!

- Кой кызым, апаңдын сөзүн угалычы, сен али баласың да, ызаң тарай элек экен, - Айшакан Созулга караганда Таңсулуу:

- Апам силерге жибип кетет беле, биздин башыбызга каран түндү түшүргөн балаңарга каргыш тийсин! - деп үнүнүн бардыгынча кыйкырып жиберди, - Бере турган параңарды берчүгө бергиле, эгер басып коем десеңер жогорку сотко чейин барам, балаңарды куткарып алам деп ойлобогула!

- Кой айланайындар, кызымдын көз жашын көрүп, өзүм да зорго отурам, баргыла үйүңөргө, мен макул эмесмин, - деп Созул дагы аларды карабай, ары карап отуруп алды.

Демейде атырылып кетчү Айшакан оозуна талкан салып алгандай, лам дей албады, аргасы кетип, экөө тең ордунан туруп жөнөдү:

- Ылайым көз жашым урсун, кеткенинен келбесин, келсе акылынан айнып жинди, көзүнөн айрылып сокур, буту-колунан ажырап мунжу болуп кайтсын! - Таңсулуу ызалуу ушуларды айтканда Айшакан кайрыла берип токтоо:

- Кой кызым, антип каргаба, башкага барсаң ички жараң козголот, андан көрө ойлонуп көр, дагы келебиз, Мелистен баш тартпа, келин кылып алайын, - деди да чыгып кетти.

Таңсулуу чөк түшүп, отуруп алып, буркурап ыйлап ийди.

- Булар абийирди да акчага сатып алабыз дегендер да, жүрөк сыздап, жан дүйнөңдүн ооруп жатканы менен иши да жок! Апаке, алар дагы келет.

- Кагылайын, көп эле кыйнала бербечи, кудайдан багыңды, өмүрүңдү тилейин каралдым, сыздай бербечи көп эле, - Созул небересинин чачынан сылап, жыттап, - Садага болоюн көлөкөм, бул дагы жазуу, мындан аркысын берсин жараткан, - деди салмактуу, - Келсе ойлонуп көр, жакшы жер…

- Апакебай, тагдырым мени ата-энеден айрыганы жетет эле го, минтип кордолгудай не жазыгым бар эле?

- Секетиң кетейин десе, аман болсоң бул күндөрүң бат эле унутулат, кудай денсоолук, өмүр берсе бактың алдыда, капалана бербе, каралдым.

- Мирлан эми мага үйлөнбөйт, аны башка чаап туруп мени… - Солкулдап ыйлай берди, ыйлай берди.

Каңырыгы түтөгөн кары башка сөз айтып, жубатууга кудурети жетпеди, чылпак баскан жүлжүк көздөрүнөн жаш агып, кабат-кабат баскан тырыштардын жүлгөсү менен ылдый көздөй коюлуп жатты: "Не кыла алам, ушуну караан кылып өмүрдүн бир бүркүмүн ушул кыз үчүн арнап жүрөм, көзүм өткүчө бир жерге тынып калса кана, тынч кана кете берет элем. Чычкандай кыз жалгыз тамда калса не күндү көрөт, же оку десем мени таштай албай койду", деп ойлоп санаасы санга бөлүндү.

Арадан эки-үч күн өткөндө, айыл аксакалы Бегиш, өз атасы Кулмат менен Жолдошбек түн катып алардын үйүнө кирип келишти. Созул алтымыш сегиздеги кемпир, аларды бир карап коюп тим болду, жанында отурган Таңсулуу тура калды, ал Жолдошбекти көрүп эле, Мелистин атасы экенин билди. Кырка тартып төргө отургандан кийин Бегиш сөз баштады:

- Байбиче, күүлүү турасызбы?

- Кудайга шүгүр.

- "Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч" деген сөз бар элибизде, балдар ээнбаштык кылып коюптур. Экөө тең жаш, кыздын бараар жери акыры күйөө эмеспи, өзүңүз карып-арып калдыңыз, бая күнү баланын апасы келген экен, кандай дейсиз, атасы менен өзү дагы кол куушуруп алдыңызга келди. Жолдошбекти билесиз, кадыры бар адам.

- Мен ушул жашымда эмнени чечем, баламдын бетине көө жаппай ызаат-сый менен алса бир жөн, эми болбойт го, догурунуп тийип алса, сөздөрү балта менен башын кескендей болоор…

- Оо жарыктык, баланын да көңүлү бар экен, ошол үчүн ошенткен го эне, кызга куда келсе кулач жайып тос дегендей, балдардын келечегин ойлойлу, - Жолдошбек ушинткенде, Таңсулуу акырын басып келип:

- Абалар, убара болбогула, мынчалык болгондон кийин азабын тартсын, мен ага эч качан барбайм, баланы байлык, акча менен тарбиялабай, акыл-насаат сөз менен тарбиялаш керек болчу. Байлык акыры келип адамдын өз башына муш болот. Балаңызга акчаны берип, машина мингизгенде эмне жумуш бүтүрөсүң деп сурадыңыз беле? - деди Жолдошбекти тике карап.

- Ырас айтасың кызым, ошентсе да тилимди алып, бир сөзүмдү угуп кой айланайын, улук башыбызды кичик кылып келип отурабыз.

- "Акылы жок төөдөн көрө, амалдуу түлкүнүн орду өйдө" деген, сөзү өтпөгөн сакалдуудан бакылдаган теке артык. Чоң атасы, өз атасы туруп, ушул ишке мени түртүп жатасыздар. Түшүнүп турам, силердин максатыңар арызды алдырып, үйүңөргө киргизип, ишиңер бүткөндөн кийин жолго салмак болуп жатасың, мен башынан бейбаштыгы үчүн Мелисти жаман көрөм, сөз көп сүйлөнсө кадыры жок болуп калат, келгениңиздерге чоң ыраазычылык, аман болуңуздар! - дегенде үчөө үндөбөй отуруп калышты: бул анын "кете берсеңер болот" дегени эмей эмне?

- Кызым, - деди Кулмат көптөн кийин, - Биз сени андай деп ойлобойбуз, түбөлүк келинибиз бол, сендей назик кызды кантип жаманга ыраа көрөлү? Мелис сенден ашык аял табаары күмөн, ак батамды берейин, балам, - Созулду карады, - Сизге рахмат, Акылкарачачтай кызды өстүргөнүңүзгө. Ырас, гүлүңүздүн тебеленгенине сиз дагы капа болуп турасыз. Кудай кошсо куда бололу, байбиче?

- Менде эмненин сөзү, көрөөрүмдү көрүп, төрүмдөн көрүм жуук калган жанмын, кызымдын кайгысына жүрөк сыздап, алсыздыгыма кейип турган чагым, келечек жашоо өзүнүкү, өзү чечет айланайындар. өзүң айткандай гүлдөй кылып өстүрдүм эле, гүлүмдүн уйпаланып көз жашы көлдөп турганы сай-сөөгүмдү сыздатып кетти, - деп үшкүрүп ийди Созул.

- Кечирим бар кызым, канткен менен акылың тунук жан экенсиң, көңүлүңдү чөгөрүп, өткөнгө өкүнбө, балким тагдыр Мелис экөөңөрдү сынап, ушундай кырдаалда кошуп жаткандыр?

- Макул, мен арызды алам, кадыр-баркыңызга доо кетпесин, бирок мени кыйнабаңыздар, көкүрөккө жара түшсө айыгат, тагы калат, башка келгенин көрөөрмүн, - деди Таңсулуу жоошуй, - Улуу башыңыздарды кичик кылып, үч адам келип турасыздар, дартыңыздарды билем, кам санабаңыздар!

- Кызым, келиним дебей кызым дейин, үйүмдөгү кут болосуң айланайын, айтканым айткан, Мелисти ээрчитип эшигиңе той түшүрүп алып кетем, - Жолдошбек ушинтти да турмак болгондо Созул:

- Даам таттыр, балам, - деди Таңсулууга карап.

- Даам сызып чыгыңыздар, - деп Таңсулуу дасторкон жайып, чай алып келди.

Кызга ыраазы болуп кайтышты. Эртеси эрте барып, Таңсулуу арызын өзү алды, айылдын эли белгилүү эмеспи, анын эшик эликте басып жүргөнүн көрүп, шыбыр-күбүр сөз кылып жатышты:

- Капырай, кабагым-кашым дебей басып жүргөнүн кара, дегеле уялып койбойт.

- Ошону айтсаң, кериле баспай жерге кир, эстүү кыз дечү элек.

- Көңүлү ток, балким жөн эле док кылып, кызматчыга келин болгусу келип жүргөндүр?

- Ким билет, болсо болот, - дешип болбой эле болгон-болбогонду кошуп, көбүртүп жатышкан, эки күндөн бери кайра жаңыртып сөз уланды:

- Ой тигилер үйүнө келип, келин кылып алабыз деп, жүз миң сом таштаптыр дейби?

- Ким айтты?

- Түндөп, тиги Бегиш акени кошуп алып барыптыр, тастаңдап кары кишилерден уялып койбой, өз калыңын өзү бычкан имиш.

- Ой-ий ой, чын элеби?

- Мен эмне асмандан алыпмынбы ушу сөздү? Жакында той түшүрүп, алып кетет имиш, ал тургай Созул энени да жалгыз таштабай алып кетет экен, - Жебиреген Сакиш угуп укпай ушинтип жүрдү.

Арызын алып башын жерге салып жай, ойлуу келаткан Таңсулууну көрүп шыбыраша калышты. Аларды көрүп: "Бечаралар, адамдардын жаман жагын издеп ушак айтып жүрүп жакшылыктуу жашоону көрбөй өтөт го?", деп ичинен сыза түз өтүп кетти.

- Көрдүңбү, керсейет жөн эле, мында бир сөз бар. Элестет, бир шылтоо менен заңгыраган үйгө, министрдин жардамчысына келин болгону жатса.

- Ырас эле, болбосо алар муну кайдан тоотот эле?

- Багы бар экен, кордолуп кала бербей намысын алып алды, - дегенин угуп эле баратты, унчукпады.

Ошондо гана баягы түндө Ырыстын: "Мени алам деп айтпадың беле, мени да бузган сенсиң", дегени кулагына шак дей түштү: "Ал эмне болуп жатты экен? Мейли, сүйбөсөм да намыс үчүн барайын, жок дегенде Мелистен өч алайын, жөн эле кала бергиче", деп ойлонуп алды.

Жолдошбек жан үрөп жүрүп, Таңсулуу арызын алгандан кийин Мелисти чыгарып барды, түлөө өткөрүп болгондон кийин аны карап:

- Ийи эргул, эми Таңсулууга үйлөнөсүңбү? - деди.

- Ал болбойт да?

- Сенин көңүлүң барбы?

- Бар эле…

- Болду анда, Таңсулууга үйлөнөсүң.

- Чынбы?

Мелис сүйүнгөндөй атасын карады эле, ал:

- Акмак болбосоң, андай көңүлүң бар болсо айтпайт белең ыя? Каада-салт менен алып бермекмин, - деди ачуулана, - Кыз бечараны элге-журтка кеп кылбай.

Мелис унчукпады, үн дебей башын жерге салып отуруп калды. Айшакан бир азга каршы болду:

- Тирмиңдеген неме экен, жакшылык кылабы?

- Андан жакшы бала төрөлөт, сени байкабай алып алгамын, мына балдарың.

- Андай эле жакпасам эбак кетип калбайт белең?

- Кайнатаны сыйладым да. Кой эми, балдардын эртеңкисин ойлойлу, отпускам бүтүп баратат.

Ошонун эртеси эле Кулмат карыя, Жолдошбек аялы менен, иниси Осмонбек, дагы он чакты адам болуп алты машина менен Созулдун үйүнө токтоду. Келгендерди Созул жакшы кабыл алып ичкери киргизди, заматта коңшу-колоңу менен алысыраак туугандарын чакыртып келди. Айшакан Таңсулууга арнап алып келген кийимдерин берип:

- Кызым, ылайым жакшылыктарга кийип, ак жолтой келин бол! - деди жылмая.

Таңсулуу суз гана кабыл алып, курбусу Жибекке бала чуркатты, ал шашылып жетип келип:

- Сен жинди болдуңбу, "байлыгына кызыкты" деген сөзгө калгың келип жатабы? Мелистин кандай неме экенин өзүң жакшы билип туруп өзүңдү шорго түрткөн жоксуңбу? - деди күйүп-быша, - Ырыс болсо "боюмда бар, эми мен сотко берем" деп жүрөт.

- Мейли, мага баары бир. Ырыстан бетер калып калбай ушинтип өч алам булардан, чабылып-чачылтам, баласын башынан ылдый каптап күн көргөзбөйм. Акыры булгандым, эми мени Мирландын ата-энеси алып бербейт, - деди мостое Таңсулуу.

- Өзүң бил курбум, Мелис кадырыңа жете алабы? Карыган энеңдин жүрөгүн оорутуп жүрбөсөң болду.

- Апам мен болгон жерде болот, жалгыз таштабайм!

- Ыраспы?

- Ырас.

- Азамат ай, мен энем жалгыз калабы деп коркуп жатпайынбы?

- Жок, жарым күн жалгыз калтырбайм.

- Алтын курбум менин, бак айтсын кудай өзүңө, - Жибек курбусун кучактап өөп, узун чачын артына түйүп кийинүүгө жардамдашып, экөө кеңешип жатты.

Алар ошентип үйдө отурганда сыртта казан асылып, кой союлуп, колу-коңшусу кызыкканынан да аралашып, таңсык боло жардам берип жүрүштү. Бул кабар Мирландын кулагына дагы жетти, ата-энесинин айтканына, кой дегенине карабай үйүнөн атып чыгып, Таңсулууга жолугуу үчүн жетип келди. Эки жакты элеңдей карап, кыздын бөлмөсүнө баш бакты, ал мурда келип кетип жүрчү, ата-энесинин да көңүлү түз болчу. Кирип келип эле, Таңсулуунун колундагы ак көйнөктү алып ары ыргытты:

- Сен эмне, байлыкка азгырылдыңбы же мансапкабы, же аны менен затынабы, башыңды айлантып коюштубу? - деп энтиге сүйлөгөндө, эки кыз элейе туруп калды, - Сүйлөбөйсүңбү, эмнеге макул болдуң?

- Мирлан, мени кечир, мени түшүн, аргам жок мындан башка, - Таңсулуу аста үн катты.

- Эмнеге, мен сени менен бекер жүрдүмбү, же мени сүйгөн жок белең, сүйөмүн дечү сөздөрүң жалган беле? - деп бакырып жатканда Созул кирип келди:

- Мирлан садага, мени карачы, - деди токтоо, - Эгер ата-энең макул болсо азыр сага берем, мен эч кимден коркпойм, бар дагы жооп алып кел, биерде кыйкырганың менен эчтеке чыкпайт.

- Аларсыз эле, өзүм алып кетем, - деп үңкүйө жооп берди Мирлан.

- Жо-ок балам, биерде адам тагдыры чечилип жатат, азыр бар дагы сура ата-энеңден, каршы болбой турган болсо дароо токтотом, - деди эле, башын жерге сала чыгып кетип жатып:

- Таңсулуу, сен туура эмес кылып жатасың, Мелис сенин кадырыңа жетпейт, - деди да чыгып кетти.

Таңсулуу эчкирип ыйлап жиберди, аны Жибек сооротуп жатканда, Созул келип чачынан жыттап:

- Жыттоочум, сенден бөлөк менин кимим бар, тирүүмдө сенин бактылуу болгонуңду көрсөм арманым жок эле, ыйлаба каралдым. Мирлан ошенткен менен ата-энеси кабыл албайт, балам. Ортодо бечара бала кыйналат. Эми өзүңдүн бактыңды гана ойлон, арка болоор агаң, жөлөк болоор ини же сиңдиң жок, жалгызсың, садага, - деди да акырын чыгып кетти.

Таңсулуу көпкө соолуктап ыйлап отуруп, Мирландын өзүнө жасаган мамилесин эстеп жатты: "Аргам жок, Мирлан, кечир мени, мен өз бактымды ойлоп жатам, бирок өч алам, жакшы болсо бактымдан көрөйүн, кокус бирдеме дей турган болсо жөн турбайм", деп ойлоп көз жашын аарчып, күзгүгө каранып, өзүнө келтирип баштады.

Мелис ата-энеси менен келген, бирок ал Таңсулууга жолуга албады, анткени аны көрүп эле жакшы көрүп калган. Мирландын жанында отурганына ичи тарып, атайы мастык менен ошого барганына ичинен өкүнүп турду. Таңсулуу өтө кубанбады, мисирейген бойдон кийинип алып, эки-үч жеңеси, Жибек, андан башка классташы Аида болуп бир бөлмөдө отурушту. Эт бышып, дасторкон даяр болгондо кызды алып чыгып, Мелистин жанын отургузду. Жибек бир жагында, Мелистин жанында дагы бир жигит. Ошол убакта Жолдошбек атасына карады эле, ал тамагын кыра сөз баштады:

- Урматтуу туугандар, улуу-кичүү, ини-ага, эже-карындаштар, бүгүн Мелис менен Таңсулуунун нике тоюн ачык деп жарыялап, сөздү атасына бермекмин.

- Урматтуу агайындар, мен болочок келиниме сырга салуу ырасымын кабыл алуусун өтүнүп, ата-бабадан келаткан салттуу жөрөлгөнү чоң энеси, менин апам Алтынайдын баштоосуна уруксат берүүңүздөрдү суранам! - дегенде кызыгып да, тамшанып да, таңгалып да отурган алыс-жакын туугандар кол чаап калышты.

Ошол убакта баятан бери төрдө отурган сөөлөттүү кемпир туруп келип, Таңсулуунун бетиндеги үлпүлдөгүн көтөрүп:

- Айла-анайын, ата-бабалардын ырым-жырымы ушул экен, айдай жүзүңдөн күлкү кетпесин, жамандык кууп жетпесин, өрүшүңөр жайык болуп өркүнүңөр өссүн, барган жериңе ылайым жакшылык орноп, артыңда өскөн үйүңдө ырыскы жылоолосун, келе сырганы, - деп Айшаканга кайрылды, ал шашыла колуна кутучаны алып келип бере койду эле, кемпир аны алып ачып алтын сырганы Таңсулуунун кулагына салды, - Ак жолтой, ак жүздүү келин бол, айланайын, - деп эки бетинен өөп анан небереси Мелисти да өөп, - Бактылуу болгула, садагалар, - деп ордуна өтүп отурду.

Дүркүрөп кол чаап ийишти, айрыкча ошол жерде кызыгып отурган жаштар колдорун чаап токтобой көпкө турушту.

- Бактылуу болгула!

- Бактылуу болгула!

- Азамат Мелис!

- Таңсулуу, Мелис, бактылуу болгула, - деп кыйкыра кол чаап жатканда, үйүнө барып ата-энесинен жылуу сөз укпай чыдамы кетип дагы бир жолу, Таңсулууга жолукканы келген Мирлан босогодон кубанычтуу кубаттоолорду угуп, башын шылкыйта үйүн көздөй жөнөдү: "Таңсулуу, туура кылган жоксуң, мени таштап кеттиң, бири-бирибизди кандай сүйчү элек, сен сөзүңө турган жоксуң, Таңсулуу", деп бет келди басып кетип жатты. Дал ушул учурда Ырыс өз үйүндө көз жашын көл кылып ыйлап жаткан болчу: "Убалым уктатпасын, Мелис, каалаганыңдай алып жүрчү элең, аялыңдай пайдаландың. Менин боюмда бар, эми кантем, кайда барам? Ата-энем билсе эле мен өлдүм", деп керебетте көмкөрөсүнөн жатып алып ыйлап жатты…

Бегалиев Жолдошбектин аты дуулдап, эл ичи аңыз кылып жатып калышты. Таңсулуу ойлуу отурган болчу, ал жанына келген Мелиске минтти:

- Мен эми эч кайда барбайм, өлөсөлүү кары энемди кароосуз таштап, сенин үйүңдө бактылуу боло албайм, тийбесем тийгендей болдум, ушунуң үчүн рахмат!

- Таңсулуу, ал эмне дегениң?! Сен мени менен жашайсың да, биз эми үйлөнөбүз, үйгө барып нике кыйдырабыз, - деди Мелис ага түшүнө албай чыйпылактап.

- Мен апамды таштап эч жакка кетпейм. Баса, эки күндөн кийин Ырыс үйүңө барат, анын да оозун басуу үчүн үйлөнөм дээрсиң? - деди Таңсулуу аны сынай кыя карап.

- Кел анда атамдарга кеңешейин, апамды бирге эле ала кетебиз, - Мелис жалдырай карады. Таңсулуу аны дагы да жалдыратып, чөгөлөткүсү келип турду, - Сен эч кабатыр болбо, Ырыс келе албайт, ал менден башка менен да жүрчү, калп догурунуп жатат.

- А мен дагы сага догурунуп чыгып жатам го, муну кандай кабыл аласың, экөөбүз жашап кете алабызбы?

- Таңсулуу, кечир мени, мен сени Мирландан кызганып эле… - Мелис башын жерге салып мукактана түштү, - Мен сени чынында мурун көргөн эмесмин, көргөндө эле сүйүп калдым…

- Сүйү-үп… сен сүйүүңдү дал ошондой зөөкүрлүк менен билдиргиң келдиби? Чынында өзүң сүйүү эмне экенин билесиңби?

- Эмнеге билбейм, эң сонун билем, эки жаштын бири-бирине болгон ыйык сезими сүйүү да, мен сени катуу сүйөм, Таңсулуу!

- Абийирин төгүп, элге-журтка дайын кылып, жаман атты кылып анан бактылуу жашайм дейсиңби? - Таңсулуу ого бетер кербездене аны сынап көрүү үчүн, козголбой отура берди..

Айшакан менен Жолдошбек өздөрүнчө кеңешип көрүп, анан азыр алып кетпей кое турмак болду. Созулга да ойлорун айтканда, ал жалгызсырап бир ыптасы эңшерилип турган эле, өз оюн айтты:

- Эки бала жакшылап сүйлөшүп, бири-бирине көнүшсүн, силерге ыраазымын, төрүмдөн көрүм жакын калганда ушул көлөкөмдүн бактылуу болушун каалап, өлсөм көңүлүм ток кетсем болот эле, - деди салмактуу, - Мага дүйнөнүн кереги не, калың алып мен көрүмө ала кетет белем, өлбөгөндөй оокат бар, Таңсулууга деп арнагандарым бар.

- Ошентсе дагы кудагый эл журт айтат. Эки бала эми жакшылап сүйлөшсүн, бир айдан соң ушул үйдөн кол менен алып кетели, - Жолдошбек Созулдун алдына конверт менен акча койду, - Кыз калыңсыз болсо да каадасыз болбойт деген эмеспи, бул кыз каадасы кудагый, ушундай кызды тарбиялап өстүргөнүңүзгө миң мертебе ыраазыбыз!

- Рахмат балдарым, кызымдын ата-энеси жашында өлүп калып, көзүмдүн карегиндей көрүп багып келе жатам, жалгыз кызымдан калган чүрпөм, айланайын…

- Кудай бак берсин, Мелис экөөнү тең шаарга алып кетип окутуп коем, эч кабатыр болбоңуз, Таңсулуу бизге абдан жакты, өз кызыбыздай көрөбүз, - Жолдошбек ушинткенде Айшакан дагы коштоп кетти:

- Ооба кудагый, жалгыз кызыбыз бар, Таңсулууну деле өзүбүздүн кызыбыздай көрөбүз, ишенип көңүлүңүз жан болсун.

- Ошенткиле айланайын, ушу кызалакгымдын көз жашы менин алтымыш тамырымды сыздатып, жүрөгүмдү оорутуп, бир түндө карыя болуп кеттим, бактылуу жүзүн көрүп, өлсөм арманым жок, - Созул ушу кезде көз кычыктарына келген жашын жоолук учу менен сүртүп отуруп калды.

Бир топтон кийин дасторконго бата тиленди. Жакшы сөз, ак бата эки жашка айтылып, келгендерди узатып, Мелис калып калды. Салт боюнча колуктунун жанында калууга тийиш. Бирок аны кечке маал Таңсулуу үйүнө жөнөтүп жиберди. Созул кызынын жанына келип:

- Садага болоюн десе, күйөө бала кандай экен? - деди мээримдүү жылмая.

- Апа, баары бир жүрөгүмө кара так салып койду да, андай эле сүйүп жатса, элге шардана кылбай аруу бойдон эшигиме той түшүрсө, кандай бактылуу болот элем?

- Баары өтүп кетет балам, унутулат, андан көрө алып келген акчаны көр да каалаганыңды сатып ал. Сенин себиңди даярдайлы кызым, ушул өскөн үйүңдөн жүктү тирелте жыйып, мен дагы колумдан келишинче узатайын, каралдым.

Ар убак эркелетип, чачынан сылап, чекесинен аяр өпчү эне бул жолу дагы небере кызын ошентип өөп койду, жүзүндө кубаныч, көкүрөгүндө толкундоо турду, улгайып калса да сүйүнүч ага канат бүтүрүп, башкача абалда кызына суктана карап: "Каралдым, сенин бактың менин бактым, жаман адамдар эмес көрүнөт, эгер башка бирөө болсо, кордолгон кыздын үйүнө той түшүрүп, каада менен сырга салабы? Кудайга шүгүр, мурунку заман болгондо кызматынан ажырап калам деп, коркконунан алса да, мындай салтты жасамак эмес", деп улутунуп алды. Ушул мезгилде кыргыздын үрп-адатын, ырым-жырымын жасаган Таңсулуу ордунан туруп, Созулду кучактап солкулдап ыйлап ийди:

- Апа, намыс үчүн өзүмдү зордоп жатам, мен Мелисти сүйбөйм да, кантип барам, апаке?

- Токтоо бол садага, токтоолук көп нерседен сактайт, өзүңө-өзүң бел бол, кайраттуу бол каралдым, ички туюмуңа таян, эгер ички туюмуң бактылуу болосуң десе ага ишен, адам ишеним менен көп нерсеге жетет, - деп Созул кызын ордуна отургузуп, анан конвертти алдына койду, - Жылкы да, берген калың да, ушунун ичинде дешти, кызым.

Таңсулуу көпкө конвертти ала салдыра кармап отуруп анан ачты, анда жалаң миң сомдуктан жүз миң эле.

- Жүз миң экен, апа.

- Жетет, өзүм дагы мал сатам, эч ким кыздарына бере элек сеп жасайм кызым, эртең тоодогу эки уйду алдырып базарга алып чыгайын. Садырбайдын баласын ээрчитип барып, сатайын да сага септи даярдай баштайын, бир айдан кийин алып кетебиз дешти.

- Апа.

- Оов садага, эмне дейин деп турасың?

- Сиз жалгыз каласызбы?

- Жалгыз калганы эмнеси? Эл бар, журт бар, сен күйөөң экөөң келип турасыңар, ушундай кадыр-барктуу адамдар эшигиме келип куда түшкөнү мен үчүн сыймык балам, төбөм көккө жетип эле калбадыбы.

- Сиздин кубанычыңыз менин кубанычым апаке, канча эмгек, мээнет менен бактыңыз, ошондуктан сиз кубансаңыз мен дүйнөдөгү бактылуулардын бактылуусумун! - Созулду бекем кучактап алып өпкүлөп жатты…

- Секелегим, эркем менин.

Эне-бала көпкө эркелешип сүйлөшүп отурушту, бир кезде эшиктен кобурашкан үндөр угулуп, Созулдун мындайыраак кайниси аялы экөө, дагы эки-үч аял эркек үйгө баш бакты:

- Оо жеңе, кандай ал-акыбал? - деп бакылдады Садырбай кирип келип эле, Созулдун колунан бекем кармап силкилдете, - Сизди министрге куда болду деп угуп эле келип калдык.

- Таңсулуу ошондой жакшы жерге ылайык кыз да, бактылуу болсун, жеңе, кудалар көңүлгө толдубу? - деп абысыны Тиллайым дагы коштой отура кетти.

- Кудай кут кылсын, мен эмес кызым бактылуу болсо болду. Ырас келипсиңер, эртең жайлоодогу эки уйду алдырмак болуп жатам, сен Элдиярды жөнөт, уйду саталы.

- Жибербей анан, мындайда тууган жардамга келбесе болмок беле, келиниңе тапшырмаңды бер, кызды узатканча ушул жерде болобуз, карындашымды жакшылап узатпасак болбойт.

- Тилла, сен өзүң билип тамак жаса кагылайын, кудалардын алып келгенинен ооз тийип отуруп кеткиле.

- Макул жеңе, кызды сыйлайлы эми, уча турган куштай болуп канатын күүлөп турганда, - Тилла туруп, казан аяк кармап кирди.

Таңсулуу дасторкон жайып, коробкадагы таттуулардын түрүн алып келип толтуруп, келгендерге чай коюп жатты.

- Жеңе, эми, кызга келген калыңдан бузбайсызбы, бирдеме алып келе калсын, ансыз болбойт да? - деп карсылдай күлдү Садырбай.

- Мейли садага, берсе берейин, кудалар жаман келген жок, жүз миңди алып келиптир, себин эртеңден баштап даярдай берейин деп жатам, ушу көлөкөмдүн тоюн элде болуп көрбөгөндөй берем, кудай кааласа…

- Ой-ууй жеңе, жүз миңди азыр эч кимдин кызына бере элек бул айылда.

- Кудай кут кылсын.

- Кут болсун, карындашым бактылуу бол айланайын, байкуш жеңем сени кандай гана кылып бакпады эле. Сен кетсең жеңемди биз жалгыз калтырбайбыз, Элдиярды үйлөп туруп, келин экөөнү киргизип берем, - Садырбай бакылдап оюндагысын айтып жатты.

Ал көптөн бери ойлонуп жүргөн оюн сыртка чыгарып жатты, анткени ал көп балалуу, колунда жогураак эле, Созулдун келишкен үйүн, мал-салы бар экенин билгендиктен жок дегенде анын үйүн ээлеп калууну ойлоп, Тилла экөө кеңешип коюшкан. Шылтоого шыноо болуп, өз оюн айтканда Созул эп көрүп, ичинен ата өткөн кайинисине ыраазы болуп турду. Таңсулуу дагы муну угуп кубанып кетти:

- Аке, ырас айттыңызбы? Мен апам жалгыз калат деп убайымданып жаттым эле, жакшы болбодубу?

- Айла-анайын карындашым десе, эч кабатыр болбо, ушу жерде туруп, жеңемди кантип жалгыз коелу, Элдияр чоң апасын өзү багат.

- Рахмат аке.

- Ыраазымын Садырбай, өзүң баламдайсың, силер турганда жалгызсырабай калайын. Таңсулууну жакшылап, душманга кеп болбогондой кылып узатып алсак, анан жашоо өтө берер кылдырап.

Аңгыча Тилла семиз эттен кыпкызыл кылып куурдак жасап келе калды, Созул эки бөтөлкө арак алдырып келип берди эле бакылдаган Садырбай баятан бери өздөрүн угуп гана унчукпай отургандарга карады:

- Мына, министрдин тойлугу, карындашыма оңой киши куда түшкөн жок, ушу чүкөдөй кемпирдин эшигине тоодой-таштай киши кулдук уруп келип жатканын көрдүңбү?

- Ооба-ооба, аңыз кылып жатышат министрдин жардамчысы турбайбы, суу чарбасы боюнча.

- Орун басарбы, айрымасы кайсы, биз министр эле дейбиз, - Садырбай анын сөзүн жактыра бербей колун шилтеди, - Өзүң айтчы, ушул айылда кайсы кызынын калыңына жүз миң сом келди, уктуң беле?

- Жок, - деди Айдараалы ага башын чайкай карап.

- Во, ушундай досум, эмесе ушул карындашымдын бактысы үчүн алып коелу, - Таңсулууну карады, - Таңсулуу садага, сен ошол үйдөн багың ачылып, ылайым ырыс-кешиктүү болуп, аман жүр!

- Рахмат аке, айтканыңар келсин.

- Мейли анда ушул кыз үчүн алалы, - деди Айдараалы да стаканды көтөрө.

- Жеңе, ушул кубанычыңыз кут болсун, бир жолу алып койбойсузбу? - деп күлдү тамашалай Садырбай.

- Кой айланайын, эзели ачуу суу ичип көргөн эмесмин, айланайын.

- Тамаша жеңе, кайниң айта берет, сиз энесиндей болуп калбадыңызбы? - Тилла Созулга карап күлүп калды да, күйөөсүн нукуп: "Айттыңбы", дегендей белги берди эле ал: "Баары жайында", дегендей аны карап, көзүн кыса стаканды көтөрдү.

- Ылайым кыз-күйөө бактылуу болсун.

- Алдын бала басып, артын мал бассын!

Ошентип Садырбай аялы экөө өз ойлорун ишке ашырмакка жан үрөп, кыздын себин даярдашып, ошол жерде болуп жатышты. Элдияр эстүү жигит, ата-энесинин колунда жогуна намыстанып, жыйырма бешке келсе да үйлөнбөй жүргөн. Союз тараганы мен деген жигиттер жумуш жок бекерчиликтен ар кандай жолго түшө баштаган кез. Бирок Элдияр чектен чыккан жок, ата-энесине жардам берип, тамынын эки жагын оңдоп үйүндө жүргөн. Сүйлөшкөн кызы бар, аны ата-энеси бербей башкага бермек болуп жаткан эле.

Созул жалаң кыжымдан жыйырма жууркан төшөк каптатып, шаардан гарнитур алдырып, тойго сойгонго бир тайды байлатып койду. Жалгыз, алсыз кемпирдин мынчалык бакыбаттыгын билбегендер баарын Жолдошбектин бергени деп ойлоп жатышты. Шырдактан төрттү, эки төрт бүктөм ала кийиз, оюусу келиштирип салынган, ага кошуп өзү соккон таарды кошуп, септи бүтүрүп болгонсуду. Үч чоң килем алды. Кыз-күйөөгө кийитти жакшысынан алдырды. Таңсулуунун тойго кийчү көйнөгүн көргөн Жибектин көздөрү бакырая:

- Ой-ий, укмуш экен курбум, жарашканын айт, кандай керемет кызсың! - деп кубана эки бетинен өптү.

- Ыраспы? - Таңсулуу күзгүнүн алдында кийип көрүп, кубангандын ордуна мостое түштү, - Жибек, ушул кийимди таза бойдон, жүрөк сүйгөн адамым менен баш кошкондо кийсем кандай бактылуу болмокмун, Мирлан эмне кылып жүрөт болду экен…

- Мирлан… - Жибек такала калып, - Мирлан кечээ шаарга кетиптир, ата-энеси каршы болуп койгон тура, ошого таарынып кетип калыптыр, - деди.

- Кызык, эмнеге "сүйүү-сүйүү" дешет, адилетсиз сүйүүнүн эмне кереги бар Жибек? Мен Мелисти Мирландай сүйө аламбы, жакшы көрүп жар болуп бере аламбы? Ага деген кек гана бар менде, жек көрөм, Жибек! - Таңсулуу эчкирип ыйлап ийди, - Канча күндөрдү аны ойлонуп, түндү уйкусуз өткөрүп келе жатам…

- Капалана бербечи эми, баары жакшы болуп кетет, унутулат-эскирет, курбум, - Жибек курбусунун мөлтүлдөгөн жашын аарчып, бооруна кысып, өзү да ыйлап жатты, бирок ал өзүнчө бир түпөйүл санаасы кыйнап турган эле…

Жибек Кемел экөө сүйлөшүп жүрүп, алданып калган, бирок ал качан үйлөнөрү белгисиз эле. Ырыс менен Мелис, Кемел болуп далай жолу чогуу ойноп-күлүп, өздөрүнүн намысынын тебеленгени менен иши жок чардап жүрө бергенине ушул азыр жүрөгү сыздап жатты: кайсы кыз ушундай той менен турмушка чыккысы келбесин, азыр ал курбусуна суктанып дагы, тымызын ичи күйүп да турган эле.

- Жибек.

- Ии-йи.

- Сен чын эле Кемелди сүйөсүңбү?

- Мм, - Жибектин жүрөгү тыз этип кетти, аны ушул азыр курбусу мыскылдап тургандай сезилип кетти, - Билбейм, - деди акырын ойлуу.

- Сүйүүгө ишенесиңби? - Таңсулуу пейилинде жамандык жок эле сурады, анын жан дүйнөсүндө бурганактаган кышкы аяз жүрүп, үшүтүп турган, кимдир бирөөдөн жубатар жакшы сөз уккусу, көңүлүн көтөрүп жан кыйнаган санаадан арылгысы келип жаткан.

- Ишенгенде эмне Таңсулуу, сүйүү бар дешет, анын кандай экенин эч ким билбейт:

Сүйүү эмне, ал байлыкпы колдогу,

Сүйүү эмне, же кыялбы ойдогу.

Эгер сүйүү таттуу болсо балга окшош.

Сүйүшкөндөр ажырашпас болсочу…? - Сага жактыбы Таңсулуу? - Жибек жылмая карады.

- Ким жазган бул ырды, абдан жакты.

- Ме-ен.

- Чын элеби?

- Чын.

- Сен акын болуп кеткенсиң го?

- Эки сөздү уйкаштырып айткандын баары эле акын боло берсе, акын деген улуу атактын кадыры түшүп кетпейби, кээде көңүлүм чөккөндө жаза коем, калем кармап, ички сезимимдин туйгусун кагаз бетине түшүрсөм эс ала түшөм, - Ойлуу күзгүдөн өзүн карады.

- Сен аябай жакшы кызсың Жибек, Кемел сенин кадырыңа жетсе болду, ыраазымын сага, кыйын кезде жанымда болуп көңүл көтөрүп, кайгымды бөлүштүң, эч качан сенин жакшылыгыңды унутпайм, курбум.

- Ошо кантип болсун, мына төрөлүп, торолгон уяңдан бөтөн үйдүн босогосун аттап, кетээриңе саналуу күндөр калды, сен аябай бактылуусуң курбум.

- Кантип, өз жүрөгүм каалабаган адамдын босогосун аттап, кандай бакытка жетем, мен Мирланды сүйөм, Жибек! - Таңсулуу муңканып бетин басып отуруп калды, - Бактылуу болоорума ишенбейм…

- Андай дебе, сен өзүңдү даярдагын, Мелис деле жакшы жигит, болгону өз эркин башкара албай атасынын байлыгына көөп кеткен. Али жаш, турмуштун өзү драма дегендей ал сени сүйөт, ошондуктан сага жакшы күйөө боло алат деп ишенем.

Созул себин күнгө жайып, сандыгын алып чыгып Таңсулууга көрсөтүп жатты. Алардын ичинде ал көрө элек ата-энесинин сүрөтү менен Кереметтин алтын чынжыры, нике шакектери бар болчу.

- Кызым, булар ата-энеңдин табериги, бекем катып ал, бул жаңы үйлөнгөндөгү сүрөт, - Созул шуу эттире улутунуп алды, көзүнөн жаш чыгып, Таңсулууга көрсөтпөй аарчып алды, - Кереметим өзү керемет кыз эле, Болотко турмушка чыкканда аябай бактылуу болду деп көңүлүм тынып калган. Атаң табышкер жигит болчу, шаарда үч бөлмөлүү үйдө жашашчу, - дагы үшкүрдү, - Шордууларды байлык жутту, ошол үйдөн өлтүрүп кетишпедиби?

- Апа, атамдын туугандары бар беле?

- Бар болчу кызым, сени мен басып калганыңда эле багып алгамын, ошол бойдон алар кабар алышпады, сен кете электе Чоң-Ташка барып, мүрзөсүн көрсөтүп келейин дедим эле…

- Апа, качан барабыз, көрүп келейин, - деди Таңсулуу жаштуу көзү менен карап.

- Садырбайды айтайын, машийнеге сүйлөшсүн, бирди союп алып куран окутуп келели, өзүм дагы канчадан бери көрө элекмин.

- Атам менен апам сүйлөшүп баш кошушту беле?

- Ооба, бири-бирин кыйын жакшы көрүшчү, өлгөндө да бир өлбөдүбү арман? Жалгызымдан жалгыз сени кучактап, сени медер тутуп кала бергем…

- Мен апама окшош экенмин ээ? - Сүрөттү көз айрыбай карап туруп ушинтти Таңсулуу.

- Ооба садагам, аябай окшошсуң, тагдырың окшошпосун, - деп Созул оозунан көк түтүн буркурай үшкүрүнүп алганда, жеңилдей түштү.

Ошол убакта эшиктен эки аял кирди, бири Мөлмөл, бири Айшакан. Таңсулуу жашын аарчый тура калды:

- Келиңиздер!

- Келдик айланайын, келдик, кудагый күүлүү-демдүү турасызбы? - Экөө тең Таңсулууну өөп, Созулга кол берип учурашып отура кетишти, - Тойду сүйлөшөлү деп келдик эле, аз калбадыбы?

- Айта бергиле, айланайын.

- Тойду райондогу ресторандан өткөрсөкпү дедик...

- Эми-и, той ээси силерсиңер, мен өз милдетимди ушул үйдөн аткарып, алым жетишинче узатайын, калганы өз ишиңер.

- Ыраазыбыз кудагый, качан келели, сизден уруксат болсо…

- Мен эки күн сурайм, Таңсулууну ата-энесинин мүрзөсүнө алпарып келейин, анан келе бергиле, даярбыз тойго, - деди Созул.

Таңсулуу дасторкон жайып чай койду, анын ар бир кыймылын жаза кетирбей эки аял карап отурушту. Анан Созулдун жанында турган портретти көрүп, Мөлмөл сурай кетти.

- Сүрөттөгү кимиңиз?

- Булар Таңсулуунун ата-энеси. Байлык - акча адамдын өзүнө жоо болот тура, тоноочулар акчасын эле алып кетпей, өздөрүн өлтүрүп кеткен, бербей алар менен алышкан го?

- Тим эле келишкен жубайлар болгон экен, кызыңыздын күйөөсү тура ээ? - Тамшана туруп келип, сүрөттү колуна алып, көпкө тигилди, - Бечаралар, абдан бактылуу болушса керек?

- Айтпа, күйөө балам табышкер болчу, ата-энесине, мага малдарын бактырып абдан байыган, билип-көргөндөр эле шилтеп койду го…

- Жаман болгон экен…

- Айла канча, ушул оор кайгы да мага катуу тийди, ушу чымчыктай кызды эш тутуп, он жети жылдан бери жашап келе жатам, өмүрү узун болсо экен, каралдым.

- Таңсулуунун атасынын туугандары бар беле? - Кызыга сурады Мөлмөл, - Ушунча жылдан бери кабар алдыбы?

- Бар, кичине кезинде бир келип кетишкен, колунда бар кишилер. Болоттон кийин атасы өлдү, андан кийин апасы, ошентип аларды өлүм басып, балдары кабарлашпай кетишти.

- Кай жерлик эле?

- Чоң-Таштан болот, эртең өзүм алып барып, ата-энесинин мүрзөсүнө куран окуттуруп келейин, арбак ыраазы болбой, тирүү ыраазы болбойт деген, ыраазылык алып келели…

- Ырас айтасыз, мейли эми келинибиздин өмүрү узун болсун, балабыз менен бактылуу болуп түбөлүк жашаса болду кудагый. Мен атасына айтайын, эмки жумада келебиз, анда кайталы, - Айшакан ушинтти да Таңсулууга карап, - Ылайым Мелис экөөңөрдүн бактыңар бийик болсун кызым, бактылуу болгула, - деп ордунан туруп келип жүзүнөн сүйдү.

Мисирейип унчуккан жок кыз. Булар дагы көпкө отурат беле, алар отурганда Садырбай аялы экөө келип калды.

- Оо, кудагыйлар, куш келипсиздер!

- Келдик, кандай, жакшы жатасыңарбы?

- Жакшы-жакшы, кызыбызды… - деп келатканда Созул:

- Кой, кудагыйларды кармаба, биздин да иштерибиз көп, - деди эле Мөлмөл менен Айшакан тура жөнөдү.

Аларды узатып, кайра кирген Созулду элейе караган Садырбай:

- Жеңе, сизге эмне болду? - деди.

- Сүйлөшчү сөз бар, эмки жумада келип алып кетебиз дейт, сен таанышың болсо машина тап, тезинен Чоң-Ташка барабыз.

- Чоң-Ташта эмне бар?

- Ботом, Керемет менен Болоттун мүрзөсүнө Таңсулууну алып барып келейин, кыз болсо да алардан калган туяк эмеспи, жаңы турмуш жолуна кадам таштаганы турат, алардын мүрзөсүн көрүп, эстеп жүрсүн, ыраазылык алсын.

- Аап байкуш жеңем ай, акылдуу жансың да, мунуң туура сөз. Менин досумдун машинасы бар, сүйлөшөйүн, - деп эшикке карай кадам таштап баратып, - Ал эми май-сайын куйганга акча дейт го? - деди.

- Куру коймок белек, берем балам. Баса союла турган тайды жакшы карап жатасыңбы?

- Элдияр балаң багып жатат, өзүм дагы бир кой багып койдум, карындашымды узатканга, - Садырбай ушинтти да жөнөдү.

Созул ойлуу отуруп калды: "Байкушум, ажалдан арачалай албай артыңда калып, кызыңарды алпештеп бактым, кантейин тагдыры ушул экен, талаадан абийири төгүлдү, бирок кызымды кадыр-барк менен алып кеткени жатканы, жумурай журтка белгилүү, чүнчүтүп таштап коюшкан жок, арбагыңар билип турса, чүрпөңөрдү колдоп, жөлөп жүргүлө, менин да силер барчу жакка бараарыма канча калды ким билет, адам көп жашагандан да тажап калат экен, жаш өткөндөн кийинки өмүрдүн кызыгы дагы жок тура", деп оор улутунуп алды. Таңсулуу өз бөлмөсүндө өзү менен өзү болуп өзүнүн кылганына өкүнүп жатты: "Эч кимге айтпай эле койсом эмне, Мирландан да айрылдым, ал кайда, эмне кылып жүрөт болду экен, мага катуу таарынды го? Башка айлам бар беле, эмне кылышым керек эле?", деп нес боло отура берди.

Эртеси жеңил машина Чоң-Таштагы чоң көрүстөндүн четине токтоп, ээрчишкен төрт караан мүрзөнү аралай тээ четтеги кош күмбөздүн жанына келип, чөк түшө куран окушту, Таңсулуу жапжаш кезинде киши колдуу болуп, мерт болгон ата-энесин карап, көз жашын төгүп турду: "Ата-апаке, менин силерсиз күнүм өтүп, жашоом уланып жатат, а силер эч нерседен капарсыз гана мынабу күмбөздүн ичинде түбөлүк уйкуда жатасыңар, неге эртелеп тирүүлүктөн кеттиңер, же тирүүлүктөгү ыплас жашоодон тажадыңарбы, калыстыгы жок жашоодон өзүңөрдүн таза бойдон кеткиңер келдиби… Ооба, жашоо адам баласы үчүн абдан кызык сезилет, бирок адалдык менен арамдык бирге жүрөт экен, алар бири-биринен ажырагыс нерсе тура! Адалдыкты арамдык жеңип, жашоодо теңсиздик күч болсо да, билинбей өтө берет экен. Баса сүйүү бар дешет, бирок мен сүйүүнүн ачуу даамын гана сездим, силер бири-бириңерди сүйдүңөр беле деп өзүңөрдөн сурасам кана? Сүрөтүңөр менен гана сүйлөшүп турам, неге мени таштап кеттиңер?!", деп бетин жашка жууп турган кызды Тилла келип колтуктап алды:

- Болду кагылайын, көз жаштан көрө маркумдарга куран сооп болот, андан көрө унутпай куран окуй жүр!

- Жеңекебай, ата-энем эмнеге эрте өлүп калышты экен? - деп Таңсулуу Тилланын көкүрөгүнө башын жөлөп буркурап ийди.

- Кантет, эми сен бойго жетип калбадыңбы?

- Кантейин жеңе, чыдай албай кетпедимби?.

Созул аны көрүп, өзүнүн деле мууну бошоп турган. Ошол кезде кой жайып жүргөн адам кайрылып келип салам айтып калды. Учурашып ал-жай сурашкандан кийин кош күмбөздү карай:

- Булар кимиңер болот эле? - деди.

- Балам, - деди Созул, - Болоттун инилери айылда элеби?

- Ооба-ооба эне, иниси-агасы деле биерде.

- Эмесе ошолордун үйүн көрсөт бизге.

- Ма-акул, көрсөтпөй анан, - деп атына минди.

Айтмырза машинасын айдап, анын артынан жөнөдү. Алдыга кетип жаткан атчан жол боюндагы заңгыраган үйдүн жанына токтоп атынан түштү да кирип кетип, бир топко барып калган көгала сакал адамды ээрчитип чыкты. Созул аны көрүп эле Болоттун агасы Самат экенин тааныды.

- Келиңиздер, - деди ал чоочун адамдарды бүшүркөй карап.

- Жакшысыңбы айланайын, бала-чака чоңоюп жатабы? - деп Созул ага жакын келди, - Тааныдыңбы мени?

- Сиз… сиз кудагыйсыз го? - Самат кош колун суна бакылдап кирди, - Кандай кудагый, жакшы жүрөсүзбү, күүлүү-күчтүү, денсоолукта жүрөсүзбү? - деп учурашып, анан бир нерсе эсине келе калгандай өзүн тигиле тиктеп тургандарды кыдырата карап келип, Таңсулууга келгенде, - Кудагый, мен кимди көрүп турам, бул менин кызым го? - деп кучагын жая кызды көздөй келип бооруна кыса кучактап алып, көзүнө жаш алды, - Кагылайын десе, бой жетип калган тура, Кереметтин эле өзү болгон экен. Аттиң, өмүр өтө берет тура, көрдүм ээ?! - деп Таңсулуунун жүзүнөн өөп, анан үйүнө карай үн салды, - Оой Тамара, чык бери, суу ала чык, чыныга суу алып кел!

- Эмне болуп кетти? - деп чыга калган аял жарданган беш-алты адамды көрүп, эмне кылаарын билбей калдастай түштү да кирип кетип, чыныга суу алып чыкты, ал оюнда суусаган немелер суу сурап тургандай көрүнүп чоң идишке алып келди.

- Ой кудай урган, бу Болоттун кызы Таңсулуу эмеспи, башынан айлантып чач, үйгө киришсин! - дегенде гана түшүнүп, кызды жалт карап:

- Ии-ий садага болоюн десе, чоңоюп калган турбайбы, эңкей айланайын, - деп башынан суу айлантып чачып, сууну ары карай чачты, балакеттин баары ушуну менен кетсин, кирип кет үйгө! - дегенде кыз Созулду карады, ал башын ийкей күлүмсүрөп койгондо, ал үйгө карай кадамын жай таштады.

- Киргиле ботом, эмнеге туруп калдыңыздар, киргилечи анан жакшылап учурашалы, - деди Тамара шашкалактап.

- Киргиле меймандар, кире бергиле, - Самат дагы аларга кол жаңсай үйгө баштады, - Кудагый бизде айып, өзүбүз издеп барып кызыбыздан кабар албай койдук, сиз бар экенсиз, кызды бойго жеткирип, төркүнүнө ээрчитип келипсиз, ыраазыбыз кудагый, - Үйгө кирип келе жатып бакылдап жатты.

Таңсулуу үйгө кирип, эки жагын карап: "Колунда бар экен, эмнеге мени издеп бир жолу барышпады, атамдын бир тууганы болсо неге менин бар экениме кызыккан жок", деп ичтен нааразы болуп кетти.

- Эчтеке эмес кудам, кыз бойго жетти, мен жалгыз кемпирмин, көзүм өтүп кетсе, эч кимиси жоктой томсоруп калбасын деп ойлоп, ата-энесинин мүрзөсүн көрсөттүм, - деди отургандан кийин Созул.

- Сизге рахмат, арбакты сыйладыңыз, айып бизде, кудагый.

- Түшүнөм айланайын, эгер түшүнбөгөн жан болсом ушу кызга эчтеке айтпай эле өзүмдүн кызымсың деп жүрө берсем болот беле?

- Аныңыз туура, - деген Самат кайра-кайра кечирим сурап жатты.

Анан конок камын көрүп килейген куйруктуу койго бата тилеп, кетебиз дегенине болбой отургузуп койду. Ал күнү конок болуп, ызаат-сый көрүшүп, түшкө жакын дагы мүрзөгө кайрылып куран окуп, анан коштошоордо, Созул:

- Келээрки жумада Таңсулуунун тою, эч кимиси жоктой кылбай баргыла, жакшылап узаталы, мен баарын даярдап себи менен узатканы жатам, - деди.

- Барбай анан, сөзсүз барабыз, - дешип Самат менен Тамара аларды жылуу узатып кала беришти.

Созул бир чоң жүктөн арыла түшкөндөй болду, көптөн бери ойлонуп жүргөн эле. Самат Созулга баштан аяк кийит кийгизип, Таңсулуунун колуна беш миң сом карматып, кешикти мол салып жөнөттү. Алар азыр кыздын тагдырын, бой жетип калганын көрүп, кубанып гана калышты. Бирок чоң жаңжал болуп, Мелис менен Таңсулуунун тою болбой калаары эч кимисинин оюна да келген жок…

Анткени Болот менен Кереметтин өлүмүнө шектүү деп Жолдошбектин иниси Осмонбек менен дагы үчөө кармалып, Жолдошбек аны куткарып алганын Самат жакшы билет. Берки үчөө камалган болчу. Күйүт тартып, жаш бала менен калган Созул кармалгандар ким экенин укса дагы көргөн эмес, анда ал Жолдошбекти билчү да эмес. Ошентип тойдун камылгасы бүтүп, эки тарап тең кызуу камынып бүтүп калган. Жолдошбек ошол күнү аялына:

- Кемпир, келинибиз Айчүрөктөй кыз экен, ушундай келиндүү болууну ким ойлобосун, акылы жетик кыз биздин Мелисти сөзсүз адам кылат, сүйүү жиндини соо, соону жинди кылчу керемет сезим да, уулуң аны катуу сүйөт го? - деди.

- Эмнеси болсо дагы бактылуу эле болушсунчу.

- Бактылуу болушсун, Осмонбек аялы экөө эртең келишет, анан ресторанга элүү кишиге буйрук бердим, жетээр ээ?

- Жетпегенде эмне, айылдын элин бүт чакырмак белең?

- Ошентсе да, облустан кишилер келет, ошол үчүн даярданыш керек го, эмне болуп жатасың?

- Эмне болмок элем, мен деле жанымды үрөп, сиңдилерим менен жан талашып жасап жатам го?

- Кой, үйдө болсом эле акыйлашабыз, деги сен мени сыйлабадың, эл менен жүргөнүмдө баары мени Жоке дешип, карегимди карап турушат, - деп Жолдошбек нааразы боло эс алчу бөлмөгө кирип кетти.

Сырттан аялдардын үнү угулуп Каныш, Света менен Элмира кирип келди.

- Оо-ой Айша кандайсың, тойдун камылгасы кандай деги, жакындап калдыбы? - Каныш кирип эле шакылдап калды.

- Кандай Айша, камылга бүттүбү? - дешип үчөө үч жактан бака-шака түшүп калышты.

- Кудайга шүгүр, баары жакшы, буйруса эмки жумада үйгө алып келебиз, анан кийинки жумада ресторанда үлпөт тоюн өткөрөбүз.

- Ой Айша, ушуну туура кылып жатасыңарбы, ыя? - деди Элмира ага карап, жылаандын башын чыгара, - Өзүңөр, кадыр-барктуу киши, бир томолой жетим кызды кастарлап, келин кылып кошомат кылгандай болуп…

- Ошону айтсаң ай, Мелиске аттуу-баштуу, сулуу кыздардан таап, үйлөнтүп коймокпуз тим эле, анын кыздыгынын акысын берип туруп тим коюш керек эле…

- Ай тим эле Айчүрөк болуп кетсе да болбодубу?

- Аны мен айтпай койду дейсиңби, кайнатама жагып калыптыр, келин кылып алабыз деп эле болбой жатышпайбы, - Айшакан чын дилинен каршы экенин билдирди, - Өтө муздай болгон неме экен, канча ирээт жакшы сүйлөп жатсам да, бир жылмайып койбойт.

- Ошо да, тим эле жамалы жайнап жаркылдаган кыздар бар, ошо кызга эле жармашып калдыңар.

Света ушинткенде Жолдошбек чыга келди:

- Силер өз жолуңар менен болсоңорчу келиндер, бирөөнүн үйбүлөлүк ишинде кандай тиешеңер бар? - деди орой, - Биз бирөөнүн кеңешине муктаж эмеспиз!

- Кечирип коюңузчу, элдин сөзүнөн улам эле кеп кылып койдук, - Света ыңгайсыздана отуруп калды.

- Эл деген эл, илгертеден эл ичинде узун кулактар, эки айылды эриктирбеген ушакчылар жашап келатат, алар ынтымактууну ыдыратат, жакшыны жаманга чыгарышат, мындай сөз бул жерде экинчи айтылбасын! - деди да кайра кирип кетти.

- Кой жүргүлө кетеличи, кайдан да келе калдым эле, - Каныш менен Элмира ушинтип кыйпычылыктап ордунан туруп калганда Айшакан:

- Отургула эми, чай-пай ичип, тойдун астынан ооз тийип, - деп отургузуп койду.

- Күйөөң үйдө жокто эле келеличи.

- Ал отпускада, келинди алып, тоюн өткөрүп бүтүп, анан жумушка чыгат, отура бергиле. Ал келин жөнүндө айтканга эле ошентип жатат, болбосо Жокемден жакшы киши жок, көз ачып көргөн тун баласынын келинчеги жөнүндө жаман сөздү уккусу келбейт.

- Ал го туура дечи, биринчи келин алганда мен дагы тим эле далбактап укмуш болгом ай, - Элмира кайра жагалдана күлүп калды.

Айшакан болсо бышкан эт, чучук, казы-карта алып келип аны менен бирге бир коньякты ортого койду:

- Тойдун алды секеттер, силердей теңтуштарыма бузбаганда кимге бузмак элем, келин келсе дагы башка болот.

- Рахмат ай курдаш, ушул пейлиң менен бир кудай бере турган эле жансың да?

- Айшакан, сенден бир сөз сурайынбы? - деди Света эңкейе шыбырап, - Ошол кызды андан көрө эриң өзү жакшы көрүп калган жокпу?

- Койчу Света, ошого кантип оозуң барды? Мелис өзү сүйөт экен, ошону үчүн ушинтип чачылып жатабыз да, - Айшакан кабагын бүркөй жаман көргөндөй болгону менен башка эчтеке дебеди. Рюмкаларга коньяктан куюп, үчөөнүн астына коюп, бирин өзү алды да, - Кана кимиңер сүйлөп коесуңар? - деди кашын кере.

- Мен сүйлөп коеюн анда, - Каныш рюмканы кармап, - Маңдайыңар жарыла сүйүнүп башыбызга баш кошулат деп турган кубанычыңарга кубаныч кошулсун, ылайым келиниңер ыймандуу, ырыс-кешиктүү болуп балаңар менен кармашкан колу ажырабай бактылуу болушсун! - деди да ичип жиберди.

- Айтканыңар келсин!

- Мелис бактылуу болсун, алганы менен тең карысын, өзүңөргө карамдуу уул-келин болсун байбиче, - дешип көпкө отурушту.

- Буйруса келин дагы келет курбулар, айтканыңар келип эле колум узарып, уул-келиндин сыйына татысак болду, - Оолжуй оозундагы төрт алтын тишин көрсөтө жылмая сүйлөп калды Айшакан.

Кечке отуруп анан кетишти алар. Алар кеткенден кийин Кулмат карыя менен кемпири Алтынай келип калды. Балдары чоң ата, чоң энесине эркелеп, үй ичи базарга айланды. Айгерим күндүзү такыр үйгө жолобойт. Кеч келген кызын Жолдошбекке угузбай тилдеп, урушуп жатса да укпайт, түн бир убакта сыртка чыгып чылым чегет, анысын көрүп дагы, ичинен сызып, ооз көптүргөндөн коркуп калды Айшакан. Бүгүн дагы кеч келип, чоң аталарын көрүп, келип учурашып, бир аз отурду да жатаканасына кетип калды.

- Алдыңа кетейин десе, Айгерим деле бой жетип калыптыр, - деп Алтынай жетиналбай келинин күлүмсүрөй карады.

- Ооба, бойго жетип калды, - Айшакан ооз учунан ушинтти да тим болду.

- Буйруса жакшы жерден куда-кудагый күтсөк, балдарды жайгарып алсаң, сен да жеңилдей түшөсүң балам, а мынабу какмарлар болсо али жаш.

- Оо буларга али көп бар апа, неберелериң удаама-удаа бойго жетип шаштыбызды алат го? - Жолдошбек керсейе уулдарын карап койду.

- Биз да силерди ошентип бакканбыз. Мелис Осмонбек акесин тарткан экен, ал бизди кандай кыйнады, - Кулмат сакалын сылай сүйлөдү, - Кылбаганды гана кылды го, энеңер байкуш ошонун азабынан эле карып кетти.

- Мен болбогондо аның түрмөдө отурмак.

- Коргоочусу сен бар экенсиң, камырдан кыл сууругандай эле кылдың балам, силерди бири-бириңерди коргосун деп ынтымактуу болууга үйрөтпөдүк беле?

- Аны кантип таналы ата, силердин аркаңар менен окуп-чокуп анан иштин көзүн таап, чоңдордун ичи-койнуна кирип жүрүп, кайнатага жолуктум, анын арты менен ушу даражага жеттик да, - Жолдошбек курсагын сылай керсейип койду.

Көпкө отуруп тамактангандан кийин кемпир, чал жолдо чарчаганын айтып, эс алууга киришти. Айшакан ойлуу өзүнчө жалгыз отуруп: "Мен балдарыма татыктуу тарбия бере алган эмес окшойм, барчылыктын доорун көрө берсин деп оюна койдум эле, жалгыз кемпирдин тарбиялаган кызын кара, талтөөндөй болуп турганын. Айгеримди кандай кылып тыям, жолдон чыгып кетиптир, атасы билсе мени өлтүрөт. Биз деле бардар үйдө өсүп, мындай болгон жок элек го, канткенде кызымды тыям?", деп телмирип отурганда Жолдошбек келип:

- Сен эмне уктабай отурасың, эртең отурганга убактың жок болот, эс алып алсаңчы? - деди.

- Азыр, - Айшакан туруп, жатчу бөлмөгө кирди, - Иш чачтан көп, атамдарды да чакырып койсоң боло, аялын да үйгө чакыра элекпиз.

- Ой аларды эмдигиче чакыра элексиңби, эми сен жаш келин белең, өзүң биле турган болуп калбадыңбы?

- Сен унчукпасаң эле мен кантип айтам? - Айшакан таарынгандай тултуйду.

- Кой алтыным, өзүң билип айтчуну айт, мына эми келиндүү болобуз, андан кийин күйөө балалуу болобуз, экөөбүз сый көрүп гана отурсак болду, - Жолдошбек аялын кучактап, таарынычын жаза эркелетип өөп койду, - Кел жаталы, сагынып кеттим, - деп төшөккө кирди.

Айшакан дагы эркелеп, кылыктана наз көрсөтүп ич кийимчен:

- Жарыкты өчүрөйүн, - деди шыңк күлө.

- Өчүрбөсөң тим кой, көптөн бери тиричилик, жумуш деп жүрүп, кенен да эркелете албай калдык.

- Койчу, бала болуп кетпей, - кылыктана күлүп жуурканга кирди.

Созул эшигинин алдына үй тиктирип, арыраак жерге атайын селкинчекке ылайыктап, чоң кылып орун даярдап, селкинчек кылды. Тайды сойдуруп, этин казандарга салып, үч жерге очок кылып, казан кармаганга келиндерди коюп, боз үйдүн ичин жасалгалап койду. Аңгыча Самат бир топ болуп келип калды. Тамара кызга арнагандарын Созулга берип, Таңсулуунун бетинен өөп:

- Бактылуу бол кызым, - деди.

Анын жанында кайнисинин аялы да жүргөн, ал дагы аны өөп:

- Бактылуу бол Таңсулуу, акең дагы келди, эми биз сени таштабайбыз, күйөө бала экөөңөрдү сөзсүз чакыртабыз, - деди ал дароо эле.

- Рахмат! - Таңсулуу жылмая карап койду.

Аңгыча эл дүрбөп: "Кудалар келатат!" деп калышты.

- Аркан тоскула!

- Жолду тоскула! - дешип жүгүрүп калды.

Таңсулуу жүрөгү дүк-дүк кагып, бир нерсени сезгендей сол көзү тартып, жаман абалда болуп кетти: "Эмнеге минтет, кудай ай эмне болуп кетээр экен, балким кыз күйөөгө тийээрде ушундай болот окшойт", деп өзүнчө жоруп коюп, боз үйдө жалгыз калды. Эл чурулдап, кудаларды тосуп, төрт-беш машинаны тосуп, ырым-жырымы бүткөндөн кийин түшүшүп, учурашып калышты. Эң арткы машинадан түшкөн Осмонбекти Самат көрүп, бир саамга ойлоно түштү. үйгө киргизип орун алып калышкан, бир кезде Самат Осмонбекти так таанып эстей калды да Жолдошбекти карай суроо берди:

- Куда, бу жигит кимиңер болот?

- Бул менин бир тууган иним, аты Осмонбек, - деди Жолдошбек эч нерседен капарсыз.

- Анда кызды бербейбиз, келген жолуңарга түшкүлө! - деген Саматты Созул баш болуп, аялы Тамара, Садырбайлар эшикке алып чыгышты.

Кудалар эмне дээрин билбей отуруп калганда, Осмонбек дагы таанып калып ордунан турду:

- Мен келбей койсом болмок экен, кете берейин, - деп атасына шыбырады да, эшикти көздөй жөнөдү.

- Кудай ургур, келип-келип ошого туш келдикпи? - деп Кулмат карыя да козголду.

Сыртка чыккандан кийин Самат өзүн суроолуу карагандарга минтип түшүндүрө баштады:

- Ушул немеде менин өчүм, кечим бар, иним менен келинимди өлтүргөндөрдүн ана башы, Таңсулууну жетим кылган немеге кыз беремби?! Азыр силерди сыйлап турам, болбосо өлтүрүп коет элем!

- Коку-уй, эми эмне болот? - Созул унчукпай зыңгырап туруп калды.

Самат күпүлдөп жатканда Осмонбек машинасын айдап жөнөп кетти.

- "Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер" деген сөз бар, кыздын багын байлабагыла, - деди коңшу кемпир.

- Болбойт, кызымды ага бербейм, мен анын атасымын! Билбей калсам жаман болмок тура, кудагый, тойду токтотуп, тиги канкордун үйбүлөсүн жолуна салыңыз! - деди Самат.

- Ойлонуп иш кылсаңар боло айланайын, адам кечиримдүү болуш керек, Созул байкуш дагы небересин элден ашыкча кылып узатмак болуп чабылып-чачылып, баарын төгүп отурат, жакшы тилекке союлган малдын эти бышып турат.

- Жок, эгер кудагый тилимди алса, бул тойду болтурбайбыз, - Самат жулкуна үйгө кирди, - Мен силерге кыз бербеймин, иним менен келинимди өлтүргөн каракчы, канкорго кыз бермек турсун өлөөр алдында жатса тамчы суу тамчылатпайм!

- Балам, - деди Кулмат, - мындай болоорун ким билиптир, "кудай кошкон куда, пайгамбар кошкон дос болот" дегендей, насиптешип сөз бүтүп калган, илгертен жоолашкан кас душмандар дагы кыз беришип, достошуп келишкен. Айып бизде, бир үйдө бир жинди болот экен…

- Экөөнү катар өлтүрүп коюп, суудан кургак чыгып, мынабу акесинин арты менен кутулуп кеткен, мен муну көтөрө албайм, арадан он жети жыл өтсө да көз алдымда!

- Кечир куда, "эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" дегендей, минтип көрүшүп отурабыз, - Жолдошбек ордунан туруп, Саматтын жанына келди, - Билбестен уу ичилет, биз Таңсулуунун силердин кызыңар экенин билген эмеспиз, кечиришели-келишели, ыс-сык куда бололу, - дегенде Самат шарт бурулуп чыгып кетти да, иниси Кубатты чакырып, аялын, келинин машинага отургузуп:

- Кудагый, мен булар менен куда боло албайм, сиз дагы терең ойлонуңуз, кыздын эртеңкиси сиздин колуңузда, өстүрүп, ушунча чоңойткондон кийин тагдырын ойлоңуз, - деди да машинасын жылдырып жөнөп кетти.

Таңсулуу өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жатты. Эгер Самат Мелистин зордуктап коюп анан алмак болуп жатканын билгенде, ошол жерден чоң чатак чыгармак, ал жөнүндө эч кимиси айтпады. Созул боз үйдө томсоруп отуруп калды, казанда кайнаган эт, бышкан ар түрдүү тамактар, салынуу дасторкон, үстү толгон дүйүм тамак ошол бойдон турду. Үй ичиндегилер кылмыштуудай бозоруп отурушту. Көптөн кийин эшикке чыгып аларды эч кимиси карабай өздөрүнчө күбүң-шыбың болуп турганда элге карай Жолдошбек:

- Кудалар, биз кайттык, бул дагы болсо тагдыр экен, мындай болоорун ким билиптир, Таңсулуунун алдында төө көтөргүс айбыбыз турат, бул боюнча калтырбайбыз, дагы келебиз, - деди да машиналарга бөлүнө отуруп, жөнөп кетишти.

Таңсулуунун көзү шишип, ыйлаганы басылбады, Жибек жанында күйпөлөктөп жүрөт. Нез болгон Созул оозуна сөз кирбей: "Атаңдын көрү-ү, кызымдын жанын алган ушулар болсо, чырпыгымды чыркыраткан да ушунун тукуму тура, каран калган дүнүйө, мынчалык не оопасызсың?", деп ойлору будуң-чаң болуп отура берди. Ага эч кимиси даап акыл айтууга кире албады. Түн кирип көз байланды, келген эл үй-үйүнө кайтты. Садырбай менен Тилла, Элдиярлар казандагы этти чыгарып, ичкери киргизип жайып, эшик элигин жыйып жүрүштү. Эне небереси экөө эки жерде томсоруп отурушат. Жатаар убакыт келгенде Садырбай кирди:

- Жеңе, эсиңди жый, болоор иш болду, алар дагы келишет, кыз күйөөсүз калмак беле, капаланбаңыз, - деди шалкы бош.

- Жеңе, ушул жашка келип, далайды көрдүңүз го, кайдан билиптирбиз? Дагы жакшы Саматтын келгени, ал болбогондо ата-энесин өлтүргөн зордукчу канкорлорго чырактай кызыбызды берип иймек экенбиз, - Тилла дагы жайкай сүйлөп, Созулдун көңүлүн алып турду, - Таңсулуу айланайын, багыңа бакырайып дагы бирөө тургандыр, өздөрү мыш болушту, мындан өткөн шылдың болобу? Кызды бербей коет деген мансаптуу адамдар үчүн өлүм эле да, эми алар түндөп Чоң-Ташка барбаса мага кел!

- Барбаса курусун ошолор, желкемдин чуңкуру көрсүн, эми кыз эмес кызыл бит карматпайм эми, өлүгүңдү гана көрөйүн канкор, зордукчулар! - Созулдун мууну калтырап, кызынын өлүп жатканы көз алдына элестеп, жүрөгү миң жеринен бычак тилгендей зыркырап турду.

- Бул эмне дегени, апа?! Апамды бири өлтүрсө, бири мени зордуктаса, деги буларга кудай көрсөтөөр бекен? - деп Таңсулуунун көз жашы токтобой боздоп жатты.

- Болду каралдым, аларга кудай жеткирет, кан куткарбайт деген сөз бар, өзүңдү кармап көтөрүмдүү, чыдамкай бол, садага, - деп Созул небересин кучактап көпкө турду.

- Жеңе, биз кетели, этти киргизип койдук, баарын жыйнадык, эми биз баралы, - деп Садырбай уруксат сураганда Созул:

- Ботом элдин баары кетип калдыбы? Чакырт аларды, мен бир тайдын этин жеке жемек белем, кыз-күйөөмө куран окутуп коеюн, - деп Созул ошондо гана эсине келгендей эшикке чыкты. Элдиярды жиберип, кеч күүгүмдө эшик кактырып, элди кайра чакырды да, даяр дасторконго киргизип, куран окутуп, эт тартып, нааразы болуп кеткен элге кайрылды: - Кудай кулум десе пендесине ырыскыны өзү жеткирет, ушул кызыма батаңарды берсеңер болду. Ар ким ар кандай айтаар, уккан-көргөндөр туура түшүнөөр, эми келсе кыз тургай эшикке жолотпойм.

- Байкуш десең, сага дагы кыйын болду, кара чечекейдей жалгыз кызыңды өлтүргөн адамды укканда өзүңдү жоготуп эле койдуң, дагы кайраттуу аялсың, ушунуңдан жазба.

- Ооба, Созул энем кайраттуусунан жакшынакай болуп, ушул Таңсулууга тарбия берип чырактай кылып өстүрүп отурат да.

- Кыздан айлансын, жөн эле өзүнчө мафия го, өлүгүңдү көрөйүндөр десе, чоң болбосо кара жерге кирсин! - дешип ар кайсыны айтып көпкө отурушту…

Булар минтип отурганда Жолдошбек үйүнө жеткенден кийин инисин таппай калды, ачуу ызасын ата-энесинен чыгарып, Мелисти жаза-буза чаап, жини кайнап жатты:

- Качан болсо силердин азабыңардан кадыр-баркыма доо кетип жүрөт, эми карасаң бири иним ата-энесин өлтүрсө, балам ошо жетим байкушту зордоп! Атаңдын оозун урайындар силердин, элдин бетин карап кантип басып жүрөм эми?! Кызматым бир тыйын бул элге, "канкор-зордукчулар" деп кеп илээшет, ушуну билесиңерби?!

- Эмне кыл дейсиң эми, - Кулмат карыя айласы куруй уулун карады, - Ал акмакты элге аралаштырбай эле койбойсуңбу?

- Мындай болоорун кайдан билдим?! Ата, түндөп ошол Саматтын үйүнө барып тартуу тартып астынан өтөлү, "таш - ташты эриткен аш" дейт эмеспи, кеч болсо да кечирим сурайлы, ишиме зыяны тийбесин. Эгер ал Мелистин ишин укса андан да жаман болмок, ошол аны уккан эмес го, токмоктошуп жатмакпыз, - деген Жолдошбек Айшакан менен сүйлөштү да жүз миң сом менен бир бээни алып, эртеси Чоң-Ташка жөнөмөк болуп токтошту.

Беш алты аттуу-баштуу карылардан, Кулмат болуп эрте жөнөшүп, түш ченде сураштырып барып Саматтын эшигинде болушту. Машина келип токтогондо Самат эшикке чыга калып, Жолдошбекти көрүп, дарбазасын илип кирип кетти. Ошондо аргасы кетип, айылдын аксакалдарын издештирип таап келип, ортого салып жатып, эки-үч сааттай убакытта зорго киргизишти. Аркы-беркини айтып жатып, анан сөзгө келип кечирим сурап куран окутуп, анан ага-инини кошуп алып, Созулдун үйүнө түштү. Бирок аерден Созул эшигин аттатпады:

- Кызымды жайына койгула, мен эми силер менен куда болмок тургай жүзүңөрдү карабайм!

- Кудагый, бир ачууңузду бизге бериңиз, билбеген адам уу ичет деп, ууну да, сууну да ичтик, уруксат бериңиз, - деп босогодо отуруп калышты.

Мелис болсо: "Мен Таңсулууну албасам, бул үйдөн кетем", деп ата-энесин кыйнап турду. Акыры көпчүлүктүн аркасы менен тойду баштоого киришти. Бул жолу Самат өзү бээ алып келип союп, чоң той кылып, кыз оюн уюштуруп, үчүнчү күнү Таңсулууну аткарышты. Эл ичинде ар кандай сөздөр жүрүп жатты, Осмонбек тойго катышпады. Күркүрөп эл башкарган Жолдошбек ойлонуп жатып, кан басымы көтөрүлүп төшөктө жатып калды. Айшакан жанынан чыкпай дарысын берип, таптап тамагын ичирип, врачка күндө бир маал көрсөтүп жатты. Мелис болсо, Таңсулуунун көзүнүн агы менен айланып, айтканын аткарууга даяр. Таңсулуу бирок ичинен жек көргөн менен: "Кой, жаңылыштык кетирсе кетирет да адам баласы. Минтип көзүмдү карап турса керсейгеним болбос, ата-энесинде эмне күнөө" деп ойлоп эрте туруп, кеч жатып жумуш жасап, Айшаканга жумуш жасатпайт. Үй ичин зымылдата кармап, чаң жугузбай, өзү билип эле кыбырап жүрө берет. Бир күнү ага жолугууга Жибек менен классташы Аида келип калды. Айшакан аларды көрүп, Таңсулууга:

- Кызым, теңтуштарыңды жакшылап сыйла, тартынба балам, мен атаңдын жанында болом, - деди.

- Макул, апа, - деп акырын башын ийкей жыла басып, конок бөлмөсүнө киргизди да, коноктоп отурду.

Жибек ага суктанып отурду, Мелистин үйдө жогун угуп, анан акырын шыбырай:

- Таңсулуу, Ырыстын чын эле боюнда бар экен, ичи чоңоюп калыптыр, аябай чычалап жүрөт, "төрөп туруп берем, Таңсулуу багат" дейт, - деди курбусун сынаганы же табалаганы белгисиз.

- Ага айтып кой, түз эле мага алып келип берсин, багып чоңойтуп алып кулча жумшайм, - деди Таңсулуу кенебей туруп.

- Койчу, сен анын баласын эмнеге багасың?

- Наристеде эмне жазык, чоңойсо жакшы эмеспи, чынында мага деле бактырышпайт, багып чоңойтуп коюшса, мен жумшайм да. Мен төрөгүчө ал чоңоюп калат, бир үйгө бир ат кошчу деле керек да - күлүп койду Таңсулуу, - Ырыска айтып койгула, мен өзүм төрөтүп алайын.

- Ай-ий ай кызык, сен ушунчалык мээримдүү турбайсыңбы, сени жинденип чычалайт болуш керек деп ойлогонбуз.

- Эмнеге, Ырыстын Мелис менен жүргөнүн мен көрбөй-билбей жүрдүм беле?

- Деги да-а? - Аида көздөрүн чо-оң ача, - Мисалы мен чыдамак эмесмин, күйөөмдөн бирөө төрөп атса, элестет, - деди таңгала.

- Мен кубанам, анткени бул үйгө бир кыз, бир эркек керек экен, мен төрөп балам чоңойгуча багып койсок, бирине үй ичин, бирине эшикти тазалатып, оңуп калам да. Илгерки байларча үйлөнтүп-жайлантып коюп, өмүр бою кул кылып алабыз, - деди Таңсулуу жылмая.

- Сен чынында жаш болсоң дагы акылдуу экенсиң курбум, иши кылса бактылуу бол. Мелис кандай күйөө болду? - Жибек курбусун кызыга карады.

- Ата-энеси жакшы кишилер, чоң ата, чоң энеси андан кызым деп турушат, а Мелис болсо менин бутумду кучактап, кемчилиги үчүн күндө кечирим сурайт, анан мен аларга эмне дейт элем? Кыскасы, бактылуумун.

Ушул убакта Мелис келип калды.

- Кандайсыңар кыздар?

- Жакшы, өзүңөр кандайсыңар?

- Оо сонун, Таня, айтчы өзүң, бизде баары жакшы ээ? - Мелис Таңсулууну карап күлүп койду.

- Мен Мелис менен эмес, ата-энеси менен бактылуумун, аларды сыйлоого акылуумун дагы, - Таңсулуу кашын кере кербезденип койгондо Мелис:

- Койчу эми Таңсулуу, - Жибектерге карай, - бир жолу жаңылыштык кылып коюптурмун, өмүр бою кекетип келататү. Кыздар, мени кечирсин, айтып койгулачы курбуңарга, - деп купшуңдай отурган столун ага жылдыра, ийнинен ала кучактап, - Койчу жаным, мени ушу курбуларыңдын алдында кечирчи, - деп өөп койду.

- Таңсулуу, Мелисти кечирип кой эми, - Жибек да күлүп калды.

- Мелисти кечир, Таңсулуу, баарын жууп бүткөн болуш керек? - Аида дагы аларга карады.

- Кылмыштын жуулуп, тазаланганын кайдан көрдүңөр эле? - Таңсулуу үчөөнү кыдырата карады, - Ал деген жууса кетпес, көңүлдүн тереңинде унутулбас оору, жүрөк зырп этип эстеген сайын, жараланган жүрөк зырп этип, өткөндү эске салып тураарын кандай билбейсиңер?

- Койчу жаным, мейли кечирбесең дагы жанымда турганыңа ыраазымын. Кана кыздар, тамакка карагыла, - Мелис күлгөн болуп, кыздарды тамакка чакырды, - Кана, өзүм жасаган тамактан алып отургула.

- Сен, сен тамак жасадыңбы? - Аида ага суроолуу карады.

- Эмнеге жасабайм? Сүйүктүүмдүн достору келсе жардам берем да, сүйүктүүм менин, кана тамактан алыңыз, - деп Таңсулууга карап, колун бооруна ала, бир колун ортодогу табакка жаңсады.

- Рахмат, келгиле кыздар, аяшыңардын жасаганын көрөлүчү.

- Укмуш ай, сонун болуптур.

- Чын эле, укмуш жасайт турбайсыңбы? - деп тамшанып жатышты.

Таңсулуу кашыкты оозуна алып барып ооз тийди да, Мелиске карап:

- Бир нерсени унутупсуң, - деди.

- Эмнени?

- Эмнени?

- Эмнени? - Үчөө тең аны таңгала суроолуу карап калышты, - Ширин эле болуптур го?

- Мээримиңди кошпопсуң! - деп күлүп ийди Таңсулуу өзү.

- Жинди! - деди Мелис.

- Жо-ок, аял тамак жасаса мээримин кошуп жасайт, ошол үчүн эне. Дүйнө жүзүндө энеден улуу эч нерсе жок, а эркекти ата дейт, аталардын мээрими эненикине жетпейт, - деди Таңсулуу.

- Сен буларды кайдан билесиң? - Аида аны оозун ача карады.

- Ургаачы болгондон кийин билишиң керек.

- Туура, сен акылдуусуң, - деди Жибек ойлуу.

- Мен акылдуу эмесмин, жашоо үйрөттү, апакем үйрөттү.

- Созул эне аябай акылдуу аял да, сен ошону тартыпсың.

- Апакем менин дүйнөдөгү эң кымбатым, мен анын алдында милдеттүүмүн, - Таңсулуу дароо өзгөрүлө курбуларын карай жайдарылана, - Келгиле кыздар, башка сөзгө өтөлүчү, - Мелиске карады, - Мелис, серванттан вино алып келе калчы, кыздарды ансыз сыйлаганыбыз болбойт го? - деди эле Мелис шып тура калып, ары жакка барып, тез эле койкойгон импорт винону алып келе калды.

- Таңсулуу, ичип отурсак ата-энеңдер эмне дешет, уят го? - Жибек экөөнү алмак-салмак карап жооп күттү.

- А кишилер эчтеке дебейт, ушундай мээримдүү адамдар алар, менин өз эркимди колума беришкен, аларды ушунчалык сыйлайм, кабатыр болбогула.

- Кыздар, апам алтындай киши, - Мелис да ырастай сүйлөдү, - Баса, эмки жылы Таңсулуу экөөбүз тең окууга тапшырабыз.

- Чынбы?

- Ооба, буйруса окууга барабыз.

- Азаматтар, бактылуу болгула, эми силерге рахмат, биз эми кетели, жакшы тургула, - дешип эки кыз туруп жөнөдү.

Таңсулуу менен Мелис аларды узатып коюп, кайра үйгө кирди. Аларды көргөн Айшакан:

- Коногуңар кеттиби? - деди.

- Ооба кетишти, - Мелис жооп берди.

- Эмесе Мелис, атаңдын жанында болуп тур, мен атам ооруп жатыптыр, барып келе калайын.

- Качан келесиз?

- Эртең келем.

- Эртерээк келиңиз.

- Аракет кылам уулум, Айгерим келсе мени күтсүн, айтып койгула. Таңсулуу, атаңа күрүч кайнатып, катыктап тез-тез берип тур ээ, кызым.

- Макул апа.

- Ошенткиле балдарым, мен тез эле келем, - Айшакан кийине салып чыгып кетти.

Бекмурат катуу ооруп төшөктө жаткан. Айшакан келгенде Мааданбек менен Таалайбек бар экен. Аларды көрүп эле, Айшакан учурашып үйгө кирди. Бекмурат алсыз, кызын көрүп:

- Келдиңби кызым, - деди.

- Келдим ата, өзүң кандай, эмнең ооруп жатат?

- Бүт эле жерим ооруйт, карылыктыкы го?

- Карылыктыкы деп жата бербей врачка көрүнбөйсүңбү, жанагы эки балаң эмне карап отурабы кебелбей? - деген Айшакан кирип келген инилерине атырылды. - Бул силер атамдын өлгөнүн эле күтүп жатасыңарбы?! Врачтарга көрсөтүп, ооруканага жаткырбайсыңарбы ыя?

- Атам өзү болбой жатса эмне кылабыз, жакшы болуп кетем деп болбой койду.

- Болбой жатат деп.. . Атанын же бир туугандын кереги жок да силерге, келин алдым бир барып койбойсуңар, деги эмне деген эмесиңер, кана жанагы катыны?

- Ал үйдүн артында кир жууп жатат, аны эмне кыласыз эже? Ошол да карап жаткан, күндө шейшебин которуп, жууп карап жатат.

- Карайт да, белен үй, даяр дүнүйөнү тута албай эмне болуптур, - Атасына карады, - Мен дагы оору багып жатам ата. Жолдошбек төшөктө, бир ыптасы кыймылдабай калды. Сени өзүм доктурларга көрсөтөм, минтип жата берсең өлүп каласың, - деп төшөгүн ачып кийимин кийгизмек болуп, жылаңач жатканынан кайра жаба койду.

- Кызым, этимди ийнеге тештирип, доктурга алпарбай эле кой, жакшы болуп кетем, күйөөңдү карай бер, - деди Бекмурат алсыз, - Мен жашаарымды жашап бүткөм.

- Ошонуң кантип болсун? Мелис келип алып кетет, өзүм текшертем, эртең даяр тургула, мен кайра эле кетейин, - деди да ойлоно түштү: "Эркек кишинин аялы жанында болбосо болбойт тура, атамды кантип чечинтип кийинтмек элем", деп ичинен сыза нан ооз тийди да жөнөп кетти.

Эртеси Мелисти машина менен жөнөтүп алдырып алды да, врачтарга көрсөтүп ооруканага жаткырып койду. Өзү келе албай Мелистен тамак-ашын, укол-дарысына акчасын берип, өзү күйөөсүн карап жаткан. Жакшылап карагандыктан, үйдөн врач көрүп, күндө текшерип турганга Жолдошбек да аздап кыймылдай баштады. Кулмат карыя кемпири экөө тез-тез келип турушат. Алар келген сайын Таңсулуу тыпылдап, тамак-ашын берип, жан-алы калбай сыйлап турат. Ан сайын карылар алкап кирет:

- Айла-анайын, эркек төрөп ал, бактылуу байбиче бол, садага, - деп Алтынай жүзүнөн өпсө, Кулмат:

- Өнүп-өскүлө балам, кудай ырыскыңарды кемитпесин, ак уул, кызыл кызга ата-эне болуп, өмүрүңөр жакшылык менен коштолсун, - деп колунан өбөт.

Таңсулуу өзүн бактылуу сезээрин же бактысыз бир бечара экенин биле албай өзүнчө кыжаалат: "Кайнагам ата-энемди бирдей өлтүрсө, күйөөм мени чыркыратып ээн талаада зордуктап коюп, анан минтип алып алса, мен бактылуумунбу же арсызмынбы? Балким туура эмес кылдым окшойт, кылымга тете кек сактоочу иш болуп өткөнүнө карабай убактылуу барчылыкка, байлыкка азгырылдымбы? Же туура кылгандырмын, илгертен "кекти каапырга бер" деген сөз бар го, касташканга дасторкон дурустур, кечире көргүлө ата-энем, мендей эрксиз, алсыз кызыңарды. Мен апамды аядым, ал карып калды, көңүлү тынсын дегем, мындай болоорун билген жок элем… Мелисти жек көргөнүм менен кучагындамын, эркиндемин", деп ойлонуп кээде мелтиреп отуруп калат. Айшакан ага негедир сүйлөбөйт, качан болсо кызым деп кайрылат, ага Таңсулуу дагы ыраазы.

Созул үйдө жалгыз отуруп ойлонуп, ой түбүнө жете албайт. Элдияр Таңсулуу кеткенден баштап жанында, аны үйлөнткөнгө чамасы жетпей бирин тапса, бири жок Садырбай менен Тилла ары жүгүрүп, бери жүгүрүп жүрдү. Созул бир күнү Элдиярга минтти:

- Балам, менин өсөөрүм калган жок, өлөөрүм калды, эгер келинди биерге алып келсең баарын өзүм көтөрөм, ансыз дагы коломтобуздун оту өчкөнү турат, кыз бирөөнүн бүлөсү экен, ага менин дүнүйөмдүн кереги деле жок, берчүмдү бердим, - деди.

- Атамдарга айтайын анда.

- Айт, кеңешип кел, эчтекемди аябайм, көрүмө көтөрүп кетмек белем. Керемет менен Болоттун каттырганы бар, малды болсо силер багып атасыңар, колуңарда турат, - деп Элдиярга башын ийкеп кеңешип кел дегендей, ишарат кылды. Ал сүйүнө ордунан туруп, эшикке жүгүрдү.

Эне он жети жыл мурунку кыз-күйөөсүнүн түндөп келгенин көз алдына келтирди. Ошондо Таңсулуу басып калган. Алар келип эле кызын эркелете биринен сала экинчиси алып өпкүлөп, сагынычы тарагандан кийин Болот Созулдун тизесине жакын отурду, бир жагында Керемет: "Садага болоюндарым десе, бирдеме айталбай турасыңарбы?" "Ооба апа, биз миллион сом алып келдик, эч ким билбесин, кийин керек болот, катып коюңуз", деди Болот акырын. "Апа, коркпой эле кой, ал уурунун акчасы эмес, адал мээнетинен тапкан", деп Керемет күлүп, апасын өөп койду. "Мен эмнеге корком садага, андан көрө өзүңөргө керек эмеспи?" "Керектүүнү алып калдык апа, бул акчаны бекитип коюңуз, кийин-кийин кабат-кабат үй салабыз", деп Болот да күлдү. Ошондо Созулдун оюнда эч нерсе жок эле. Акчаны бекитип коюп, анан кыз-күйөөсүнө чай-тамак берип жөнөткөн: "Байкуштарым десе, ошондо бирдемеден коркуп келишсе керек, буйрубаган акчаны алса деле, өздөрү аман калса болбойт беле", деп үшкүрүнүп алды. Ал акчаны Созул бекитип жүрүп, Таңсулуу мектепти бүткөн жылы акча сомго алмашылганда эптеп алмаштырган болчу. Таңсулууга ошого чейин ата-энеси жөнүндө да айтпаган. Миллионду санап көрүптүрбү, керегинче алып калганын ката берчү. Кийин алмаштырганда бөлүп алып барган, ошондо билди сом менен эки жүз миң сом болгон. Анын көбүн тойго керектеди, калганы турган. "Ээ, өздөрүнө буйрубаган акча кимге буйрумак, өлгүчө карап, бакканга да киши керек, ушу баланы үйлөнтүп коеюн да караан кылып жашайын", деген чечимге келди. Эне үчүн кыз-күйөөсүнүн өлүмү акча үчүн гана деп ойлоочу. Бирок баары башкача болчу. Аны эч ким билбейт, бир гана Кереметтин курбусу, ушул азыркы Осмонбектин аялы Шарипа гана билет…

Керемет бойго жетип мектепти бүткөндө Созул кырк жети жашта болчу. Күйөөсүнөн калган малын сатып, окутканы кызын шаарга жөнөтөт. Анда Фрунзе көркүнө чыгып жалаң жаштардын шаары сымал окуп, билим алам дегендерди өзүнө оп тартып турган убагы. Керемет медучилищага кирип окуп калды. Эки жыл өтүп, үчүнчү жыл болчу. Осмонбек анын артынан түшүп, сүйүүсүн билдирип жүргөн. Керемет ага көңүл буруп койбой, сүйлөшпөй да койгон. Бир күнү ал Болотко спектаклге барып таанышып калды. Экөөнүн көз караштары бири-бирине чагылышып, кыз жигитке өз жүрөгүн тартуулап, чексиз сүйүүгө туш болду. Осмонбек алардын ээрчише басып жүргөнүн көрүп, бир күнү атайылап эле анын жатаканасына келип кат жазып таштап, гүл коюп кетти. Керемет менен Болот паркка чыгып, сүйүүнүн кереметтүү мүнөттөрүн өткөрүп жүргөн. Кечке маал ээрчишип келип калды. Вахтершадан суранып, бөлмөгө баш баккан Болот гүл менен катты көрүп:

- Керемет, бул эмне? - деди кийимин алмаштырып жаткан кызды карабай туруп.

- Эмне экен? - Эч нерсе оюнда жок Керемет ага жакындап келип анын колундагы катты көрүп, - Ой, бул жинди неме го, атайын кылган го? - деди.

- Кантип, сен муну менен да сүйлөшүп жүргөн турбайсыңбы? - деп Болот кызга ачуусу келе түштү.

- Болот, мага ишенбесең өзүң бил.

- Кантип ишенем, ме окуп көрчү! - деп кагазды ага сунду.

Керемет катты окуп көрсө, мындай деп жазыптыр: "Керемет жаным, сен мени сүйөм дечү элең го, эми мени таштап башка менен жүрөсүң, сен ушундай белең? Бир күнү аны дагы таштап дагы бирөөнүн башын айлантасың да. Бирок мен сени дале сүйөм, алтыным, мага кайрылып кел, баягыдай эле кучагымды жайып тосуп алам, дагы башканын башын айланткандан көрө өзүңдү сүйгөн бирөө бар экенин унутпа, сенин сүйгөнүң Осмонбек", деп коюптур.

- Акма-ак, бул кандай неме? Мен эчтеке билбейм, Болот, эч кимди сүйгөн дагы, сүйлөшкөн да эмесмин, баары калп! - деп ыйлап, Керемет катты тытып-тытып ыргытып жатты.

- Айтчы Керемет, чын айтып жатасыңбы, кантип калпты жазды экен анда? - Болот жанына отура калып, кыздын көз жашын аарчып бооруна кысты, - Мен сени жанымдан артык сүйөм, ошондуктан сага ишенем, - деди Болот кызды соорото.

- Эмне деп актанам? Атын билбейм, бирөө артымдан гүл көтөрүп жүгүрүп жүрчү, сүйлөшмөк тургай жүзүнө караган эмесмин, - деди Керемет ыйлап.

- Макул, сулуу кыздарды кимдер сүйбөйт, башкалар жете албаган кыз менин кучагымда турганына абдан бактылуумун.

- Болот, чын эле мени сүйөсүңбү?

- Жанымдан да артык көрөм, сүйөм сени, жаркыным!

- Ишенем сага, мен дагы сени сүйөм Болот, сен мага ишен, эч качан башка менен жүргөн эмесмин…

- Алтыным, сен меники гана болосуң, сени мага гана берген жараткан, ишендим эми, - деди Болот ойлуу, - Сени башкалар сүйсө мейли, ошол үчүн сыймыктанам, жаным, - Экөө кучакташып керебетте отурганда бөлмөлөш кыздар келип калды.

- Ох-хо сүйүшкөндөр, кандайсыңар?

- Кандайсыңар?

- Керемет, сени сыртта бирөө чакырып жатат, - деди бири.

- Ким экен?

- Билбейм, өзү билет деди го?

- Мына, мына, - деп Болот ордунан турду, - Керемет жүрү, экөөбүз тең эле чыгып, кандай жигит экен көрөлү.

- Макул, - Керемет жүрөгү кыжаалат боло Болотту ээрчий сыртка чыгып баратты, - Сен унчукпа, Болот, мен сүйлөшөм, кандай неме экенин көрөйүнчү. - деп келатканда алдынан Осмонбек чыга калды:

- Керемет, кандайсың?

- Сен кимсиң?

- Койчу Керемет, таарынсаң эле тааныбай каласыңбы, мени кечирип койчу? - деп атайын эле кычаштанып калп сүйлөп, кыжырына тийе баштады.

Керемет ыйлагысы келип:

- Сен эмне деген адамсың, ушундай да кара өзгөйлүк кыласызбы, мен сизди качан таанычу элем?

- Койсоңчу, кечээ эле сени таарынтып албадымбы, ушинтип таштап кетесиңби? - дегенде Болот анын маңдайына тура калып:

- Жигит, сага эмне керек? - деди.

- Сага эмне керек? - Осмонбек ага төш тиреше калды, - Мен Кереметти сүйөм, ортобузга коко тикенек болбой жолуңа түш!

- Менби, сен кимсиң мени кет дегидей.

- Анткени мен Кереметти сүйөм, сен жөн гана башын айлантып жүрөсүң, тынч кой, биз бири-бирибизди сүйөбүз, уктуңбу?

- Ка-алп, акмак экенсиң, кандай уяты жоксуң, жогол дейм азыр! - Керемет бетин баса ыйлап жиберди, - Боло-от, ал калп айтат, мен аны тааныбайм, аты-жөнүн да билбейм!

- Билем жаным, мындай акмактын орду түрмөдө гана болот, милицияга бериш керек! - деген Болот ыйлап отура калган кызды колтугунан сүйөй өйдө кылды.

- Мени милицияң эчтеке кыла албайт, крышам бар ой, андан көрө бир жериңди кысып эле кызды кое бер, ал сени эмес мени сүйөт, сени алдап жатат, - деп Осмонбек жанын жеп калп айта берди, - Мени бир гана "чыр" эткен званок менен бошотуп алаарын эсиңе салып коеюн.

- Барчы, зөөкүр! - Керемет жаны кейий, адамдардын кара өзгөйлүгүнө жүрөгү ооруй Болоттун колтугунда кетип жатты.

Ичи күйүп, өзүн карап койбогон кызга кек сактаган Осмонбек аргасы кете алардын артынан кыйкырды:

- Ээ-эй Керемет, мен сени сүйөөрүмдү унутпа, баары бир силерге тынчтык бербейм! - деди да жерге түкүрө басып кетти.

Керемет ошол күнү кечке ыйлады, Болот менен курбулары аны сооротуп жатса да басылбады:

- Эмнеге адамдар ушундай кара санатай болушат, эмнеге калп айтып жанын жешет, эмнеге көрө алышпайт? Шарипа айтчы сен, ушуну менен качан сүйлөшүп жүрдүм эле, билесиң го жанымда дайыма сен жүрчү элең го?

- Койчу эми Керемет, мен билем баарын, толугу менен Болотко айтып берейинби? - Шарипа Кереметтин жанына отурду, - Ал деген ошондой зөөкүр неме, жогору жакта агасы иштейт имиш, Кереметке канча жолу сүйүүсүн билдирмек болгондо, бул аны карабай койгон, ичи күйгөнүнөн ошентип жатат, ал өтө жаман неме, өлтүргөндөн кайра тартпайт.

- Чегирткеден корккон эгин экпейт деген, сүйсө сүйгөндүр, чынында ага дагы кыйын болуптур. Өзү сүйгөн кыз аны карабай кетсе ал күйбөгөндө, ал сүйгөн кызды колтуктап бактылуу болуп жүргөн мен күймөк белем? - Болот каткырып күлүп алды, - Чын эле эби бар экен чычалагандай.

- Эмнеге күлөсүң? - Керемет жигитин таңдана карады.

- Күлбөйүнбү, бир жигит сен деп жинди болуп жүрсө, мен сенин жаныңда бактым тоодой болуп отурам, - Болот бир башкача жайнап күлдү, көздөрү Кереметтен өтүп, жүзүнөн кубанычтын изи байкалып кучагына кысып, - Жаным, мен бактылуумун!

- Керемет, ошого өзүңдү жогото бересиңби, айтса айтып, ичи күйүп жүрүп, акыры калат да? - Сезим аны жубата сүйлөдү, - Мына өзүң сүйгөн адам маңдайыңда бактылуулугун айтып, жеткире албай отурат.

- Ошону айтсаң, зөөкүр неме акыры калат да.

- Ой ал ошондой неме, көрүнгөн кызды сүйөм дей берет, - дешип кыздар ар кайсыны айтып жатып зорго сооротушту. Болот кечке отуруп анан кетти.

Осмонбек Кереметти акылынан ажырагыча сүйдү. Шарипа менен жүрсө да алдынан чыгып сүйөөрүн айтып жадырап калат. Ошол күнү дагы Шарипа экөө келатса жолугуп калды.

- Кыздар, токтой тургулачы, - деди алар өтүп кете берерде.

- Жоголчу ары!

- Койчу Керемет, мен сен үчүн жинди болоюн деп баратам! - Болбой эле алдынан тосо калды, - Сени сүйөм, Керемет.

- Койчу былжыраган сөзүңдү, жолумду тоспо деп жатам.

- Керемет, сени чын жүрөгүмдөн сүйөм.

- Сүйбөй эле кой, мени сүйчү адам башка, экинчи жолумдан чыкпай жүр, уктуңбу? - Керемет аны жек көрө түртүп, басып кетти.

- Токточу дейм, Керемет!

- Жөн дегенден кийин жөн болуп калбайсызбы. Эмне деген жансыз? Биз кечигип жатабыз, кетиңиз ары! - Шарипа дагы ошентип туруп, аны кагып басып баратканда Осмон унчукпай карап туруп калды.

- Шашпа-а, сага сүйүүнүн кандай экенин көрсөтөм! - деп муштумун түйө кыжынып алды.

Ошондон көп өтпөй Болот Кереметти үйүнө алып кетти. Алардын үйлөнгөнүн угуп, Осмонбек ого бетер жинденди да, Шарипага жолукту. Ал аргасыз ошого барды.

- Шарипа, мен жаңылыпмын, аны эмес сени сүйөт экенмин, мени кечирип койчу, кел үйлөнүп алалы.

- Жинди болдуңбу, дароо эле сага макул болчудай көчөдө жаткан кыз бар бекен, обуң менен болчу!

- Чын айтам Шарипа, сени чындап сүйөм!

- Акыл-эсиң ордундабы деги?

- Ордунда, сен макул болсоң бүгүн эле алып кетем, - деген Осмонбек Шарипаны бура бастырбай жүрүп, акыры ала качып кетти.

Убакыт суудай агып, арадан жыл айланып Керемет кыз төрөп алды. Болот экөө шаардан үч бөлмөлүү үй алып жашап калышкан. Болот жашыруун адамдар менен көп байланышканын Кереметке айтчу эмес, анын үстүндө кызмат ордун бекем кучактаган адамдар турчу, алардын жолугушчу кеңсеси дагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болчу. Болот шефине жолукмак болуп кеңсеге кирип баратып Осмонбек менен бет маңдай чыга калды. Ал аны карап туруп калды, Болот аны көрбөгөндөй өтүп кетти: "Демек бул дагы биерде иштейт экен да" деп ойлоп койду. Осмонбек аны сыртта күтүп турган, ал келатканда алдынан тосо:

- Жолугушчу күндөр бар деген тура, ушинтип биз "коллега" экенбиз да? - деди аны кекете.

- Мен сени тааныбайм дагы! - Болот машинасына отуруп жөнөмөк болуп эшигин ачканда, Осмонбек аны кармай:

- Тааныбасаң таанышып алалы, ушул арам акча менен Кереметти бактылуу кылып багып жатасыңбы? - деди.

- Ал сенин ишиң эмес, а сен кайсы адал эмгегиң менен багат элең?

- Өзүм билмекмин, Керемет кандай жүрөт, сүйүүңө жетип абдан бактылуусуң го? - деп Осмонбек кыжыры келгендей сүйлөгөндө Болот:

- Эркек болсоң жөн жүр, болбосо акеңди таанып каласың, - деди да машинага отуруп кете берди.

Ошондон кийин Осмонбек анын артынан түшүп, шефине ал жөнүндө жалган сөздөрдү айтып жамандай баштады. Негизи алар баңгизат ташышчу, акыркы жолу акчасын алмак болуп кеңсеге келгенде шеф аны көзүнүн төбөсү менен карап:

- Бала, сен көзүңдү ачып жүр, бир кылтыңыңды билсем бул дүйнөдөн жубарымбек кетесиң, - деди каардана.

- Шеф, мен баарын так аткарып жатам, жанымды оозума тиштеп барып келип жатам го?

- Ал сенин ишиң, акча берүү менин ишим, кокус бирөө жарымга шек билгизип, ишти чаташтыра турган болсоң таарынба, - деди да дипломатты колуна берип, - Байкап жүр, өмүрүң кыл учунда, - деди.

- Түшүнөм, - деди да, Болот жөнөп кетти.

Осмонбек анын артынан түшүп, акмалап жөнөдү. Бирок Болот аны жолдон эле адаштырып кетип калды, анын артынан келе жатканын байкап калган эле. Үйүнө келип эле кызы менен отурган Кереметке:

- Керемет, баягы жигитти билесиңби, аты Осмонбек? Бүгүн менин артымдан түшүп алып эптеп адаштырып кеттим, эмнеге экенин билбейм. Бул акчаны айылга алып барып каттырып коелу, жүрү кийине кал, - деди.

- Ал эмнеге изиңе түшөт, бул акчаны кайдан алдың эле, ушуну үчүн изиңе түшкөндүр?

- Билбейм жаным, жүрү атамдарга барып келели, - деп шаштырып жөнөдү.

Түндөп атасыныкына келип акчаны бергенде, атасы Адыраң:

- Ой бала, мынча акчаны кайдан алып жүрөсүң, мен өмүр бою башым менен жер казсам да, мындай акчанын үчтөн бирин көргөн эмесмин, - деди кабатырлана.

- Ата, азыр деген акчанын саны бар сапаты жок, мен бир заводдо иштейм, качантан бери ала элек болчумун, чогула берсин деп, коркпой эле катып коюңуз, - деди Болот күлө.

- Билбейм балам, сен жанагы мафиядан алыс бол, бул акча керек болсо жаныңа аралжы боло албайт.

- Жөн эле күмөнсүй бересизби? Келиниң бир жумага чейин кала берсин, бала менен кыйналып кетти, баскыча силер карашасыңар, - деди да шашыла нан ооз тийип чыгып кетти.

Ата-эне уулунун бул жүрүшүнөн чоочулай келининен сурап кирди:

- Ыя балам, чын эле заводдо иштейби?

- Мен көргөн эмесин, бирок ошентип жүрөт го?

- Сага да эчтеке айтпаса, эмне болуп жүрөт бул, кудай сактай көр! - деп апасы Жайна дагы күдүк ойдо болуп отурду.

Ошондон бир жумага чейин кабары билинген жок, Таңсулуу тамтуң басып калган. Жума өтүп, Болот дем алыш күнү күүгүмдө келди. Кереметтин суранычы менен алар Созулга барып учурашып кетмек болду, ошондо Созул Таңсулууну алып калды. Экөө шаарды көздөй жөнөштү. Болот товар көп болгондо ар дайым түндөп жашыруун жолдор менен жүрчү, көнгөн адаты боюнча мерчемдүү жерине жеткирип, кайра акчасын алып кетип жатканда аны Осмонбек дагы акмалап, билгизбей артынан келип үйүн көрүп алды да: "Шашпа, силерге сүйүү кандай болоорун көрсөтөм", деп алды кыжына. Болот ушул келиште аны байкабаган менен кайра чыгып Керемет экөө машинага отуруп жатканда анын бурулуп кетип жатканын байкап калды. Бир саамга: "Бул эмнеге менин артымдан түшүп калды?", деп ойлонуп алды да жолго түштү. Ошол жолу Созулга акчаны алып келип кетиши эле. Арадан дагы бир жыл өтүп, Болот канчалаган иштерди аткарып, шефине жагып бараткан. Ойлонбой дагы калган. Бир күнү Керемет жалгыз телевизор көрүп Болотту күтүп жаткан. Эшик илинүү эле, кимдир бирөөнүн кирип келаткан дабышын угуп, ички бөлмөдөн чыгып эле, делдейе туруп калды, анткени Осмонбек турган болчу.

- Эмнеге келдиң, эшикти ким ачты? - деди коркуп кеткен Керемет.

- Болот берди, сени жалгызсыратпай барып тур деди, - деп ырсая күлдү Осмонбек.

- Ка-алп, чыгып кет азыр!

- Кайда барам, Болот азыр келет, - деп ал Кереметке жакындаша баштады.

- Жогол дейм, жолобо мага!

- Эмнеге, Болотко тартуулаган сүйүүңдүн бир тамчысын мага деле берчи, Керемет, - Болбой эле жете келип кучактап калды, - Берчи мага, берчи мага жарым тамчы махабат!

- Кое бер мени, акма-ак, кое бер! Чык эшикке, өлтүрөм азыр, Болот келсе өлөсүң!

- Бир тамчы сүйүүңдү берип коюп, өлтүрсөң да кайылмын, - Осмонбек бекем кучактап тыбырчылап өпкөнүнө каршылык кылып түрткүлөп жатканына карабай, - Махабаттан жинди болуп баратам, жаным деги менден безип качпасаң, бул сүйүүдөн жараланды жүрөгүм, жүрөгүңдөн эптеп бир орун таппасам… - деп вальска түшкөндөй ыргала баштады.

- Жинди, сен тубаса жинди турбайсыңбы, психиатрга барып дарылан айбан, кое бер мени!

- Эркеле, эркелей гой, карачы кандай гана дем берип койдуң, ох-кайран өмүр, сенин демиңе жылынып өрттөнүп барата-ам! - деп Осмонбек ого бетер ырахаттана, сахнада ойноп жаткан артистей көзүн жумуп Кереметти бекем кучактап алып, үй ичинде тегеренип жүрдү. Кара терге түшүп бошоно албай кыйкырып сүйлөп жаткан Кереметтин оозунан тумчуктура өөп көпкө туруп алды. Ошол убакта эшик тыкылдап калды, ошондо гана эсине келгендей Осмонбек келиндин оозун бекем өз жоолугу менен дароо таңды да диванга көтөрүп барып, өз билгенин кылып максатына жетти. Ал шашкандан оозун таңып жатып дем алалбай турган кылып мурдун кошо байлап койгонун билген жок, ал үстүнөн түшкөнчө эле деми чыкпай калган Керемет сулк жатып калган, аны сезбеди, өзү менен кошо үйгө кирген үчөө чыга калды да эшикти ачып жиберди.

- Акмак, бул жерде эмне кылып жүрөсүң? - Болот кирип келип эле Осмонбекти жакадан алды, - Эмне кылып жүрөсүң деп жатам?!

- Келсе болбойбу? - деди Осмонбек камырабай.

- Акмак, зөөкүр, Керемет кана?

- Ал мени күтүп жаткан экен, бактылуу кылдым, - Осмонбек ого бетер ыржайганда Болот аны коюп-коюп жиберди, ал анын жинин келтире, - Чымын чакты окшойт ээ? - деп жаагын сыйпалады.

- Сен жиндиканага барышың керек экен, - деген Болот жүгүрүп ички бөлмөгө кирип, диванда сулк жаткан Кереметти көрүп кыйкырып жиберди, шымы ылдый түрүлүп, көйнөгү өйдө болуп оозу-мурду таңылуу жаткан аялына жетип таңууну чечип, - Керемет, аччы көзүңдү, Керемет! - деп жаакка чапкылап жатып, денесинин шалактап, мупмуздак болуп калганынан чоочуп бакырып кирди, - Акмак, мыкаачы, Канко-ор! - деп жанында турган чайнекти ала коюп урду эле башын тартып алганда дубалга тийди. Ал акырын башын булгай көзүн кысып койгондо баятан бери унчукпай турган үчөө кыйкырып-өкүрүп Кереметти кучактап алып ыйлап, анан Осмонбекти көздөй келип мушташа баштаганда даярдап келген жипти мойнуна сала коюп жерге жыгып тепкилеп киришти.

- Канкор, түбү түрмөдө чиритем сени.

- Өзүң көрдө чирийсиң, мен Керемет менен жыргайм, - деди Осмонбек, ал дале Кереметтин өлгөнүн биле элек болчу.

- Жинди, сенин ордуң түрмө менен жиндиканада, Кереметти жедиң акмак, канко-ор! - деп Болот бакырып мойнундагы жипти муунуп калбас үчүн эки колдоп алып бошонууга аракет кылып жатты.

- Сени коркутуп жаткандыр, - Осмонбек ушинтти да уктоочу бөлмөгө кирип барып Кереметтин көзү ачылып жатканын көрүп, жетип барды да, мойнуна колун тийгизип көрүп чоочуп кетти. Ал эми сезди өлтүрүп алганын, - Мен эми сени дагы өлтүрөмүн, Кереметти өлтүрөйүн деген оюм жок эле, - деп келип жипти муунта кармап көпкө турду, тигил үчөө колу-бутун кыймылдатпай, кармап турушту. Качан гана Болот кыймылсыз жатып калганда кое берип башын мыкчый отуруп калды, - Мен эмне кылып койдум? Кантип жаның чыкты экен алтыным, сени өлтүрөйүн деген эмес элем, өзүң кылдың, кечир мени, Керемет, - деп отурганда тигилердин бири:

- Кетишибиз керек, мында отурууга болбойт. - деди.

- Азыр, андан көрө үйдү тинткиле, буларда акча болуш керек, - деди Осмонбек, - Кыскасы тоноочулардан көргөндөй болсун.

- Жарайт, - деп үчөө үйдү үч көтөрө тинтип, болоор-болбос акча табышты. Болот негедир бир нерседен чоочугандай үйүнө акча койчу эмес. Болгонун малга айлантып, кайненеси менен ата-энесине жеткирип турчу. Отуз миң сом табышты да үчөө он миңден бөлүп алып:

- Кеттикпи? - дешти алар.

- Кеттик, калган акчаны мен берем, оозуңардан бир сөз чыкпасын, бирден-бирден абайлап, эки жакты карап чыккыла, - деген Осмонбек адегенде өзү чыгып кетти.

Ошентип түн ката издерин жашырып жолго түшүштү. Осмонбек түн бир убакта үйүнө келди.

- Эмне мынча кеч келдиң, үйдө жалгыз отурган мени ойлоп да койбойсуң? - Шарипа ага тултуңдай кетти.

- Койчу эми жаным, иш менен жүрөм да, ойноп жүрөт дейсиңби? - Кара күчкө ошенткен менен эки бирдей өлүп жаткан жубайлар көз алдынан кетпей кыжаалат болуп: "Кереметти неге өлтүрдүм, тирүү жүрсө да анда-мында көрүп турбайт белем? Кашайгырдыкы, сүйүүдөн жинди болуп кеттим окшойт, баса кол тактарды текшерип калса канттим, эми камалып кетпесем болбойт", деп ойлонуп түнү бою уйку көрбөй чыкты.

Эртеси кеңсесине барып, ошол жерден Болотту кимдир бирөөлөр өлтүрүп кеткенин укту. Билмексен болуп, өз иши менен жөнөп кетти. Адам өлтүрүүнүн өзү дагы ооруну алып келет, Осмонбек кадимкидей ооруду. Көз алдына Кереметтин көзү ачылып жатканы кайра-кайра келе берип, кыйналып, түндөсү уктап жатып чоочуп тура калып, кыйкырып сүйлөп тынчы кетти. Үчүнчү күнү Шарипа ал келээри менен эле:

- Осмон, сен уктуңбу, Кереметти күйөөсү экөөнү тең бирөөлөр өлтүрүп кетиптир, байкуштардын өлүмү бирге экен да?

- Кайдан укмак элем, сенчилеп кечке телевизор тиктеп бекер отурбасам, - деп уккусу келбей уктоочу бөлмөгө кирип кетти.

- Эмнеге, бооруң ооруган жокпу, сүйөм деп бир кезде тизе бүгүп, чөгөлөөгө даяр эмес белең?

- Башымды оорутпачы, эми сени сүйөм, балдарым турбайбы, уда-удаа уулдарды төрөп бердиң, анан ошону ойлогонго чамам барбы, эки уулум менен сени багам деп жүгүрүп жүрөм го?

- Койдумчу деги, жөн айтып жатам да, байкуштар ай, бир кызы бар эле, апасында имиш.

- Ии-йи, ким өлтүргөн имиш? - Сынай карады.

- Анысы белгисиз экен, изилдешип жаткан го, баса ал жерден атайын ала барган жип табышыптыр, анан Кереметти зордуктаган экен, эркектин уруктугун текшерүүгө жөнөтүптүр!

- Койчу? - Осмонбек жаткан жеринен тура калды.

Анын чоочуп кеткенин көргөн Шарипа:

- Эмнеге чоочуп кеттиң? - деди.

- Чоочуп эмне, таңгалып жатам.

- Ошондой, аларды бүгүн айылга алып кетишиптир.

- Аа-а, - деп койду Осмонбек.

Кылт этсе Шарипа билип кое тургансып, унчукпай ичтен сыза: "Кудай у-ур, эми эмне болот, балакет басып мени кудай урду, акем укса сабагандан кайра тартпайт, атамчы, ал дагы соо койбойт, кайда кетип калсам, Москвага эч кимге айтпай кетип калсам кантет?", деп ойго батып кеткен экен, Шарипа аны жулкулдатып:

- Ой сага эмне болду, тамак даяр болду десем укпайсың, - деди үңүлө карап.

- Эчтеке, уйкум келип турат, чарчадым аябай.

- Болуптур, бас тамак ич, - Шарипа ашкана жакка кетип калды.

Осмонбек ыңгырана ордунан туруп аялынын артынан жөнөдү.

- Балдар уктап жатабы?

- Ооба, алар эрте уктады. Эки кичинекей бала менен аябай кыйналдым. Осмон, мен атамдарга барып келбейинби?

- Болуптур, барсаң барып кел.

- Эртең эле жөнөйүн ээ?

- Өзүң бил.

- Анда мен эрте туруп жөнөйм, өзүң тамак ичпей жумушка кетпей жүр, кечкисин эртерээк кел, тоноочулар кирип жүрбөсүн.

- Эмне?

- Тоноочулар дейм, киши өлтүргүчтөр, бирдеме издеп киришет да өлтүрүп кете беришет да.

Шарипа эч нерсе оюнда жок сүйлөп жатса да, Осмонбектин мээсине ийнедей сайылып жатты. "Киши өлтүргүчтөр" дегенде бүткөн бою дүр этип алды: "Кудай у-ур, кокус менин катышым бар экенин билсе жаа бою качышат го, эми канттим? Кудай өзүң сактай көр", деп качкан да, кууган да кудай дейт дегендей, кудайга жалынып жатты. Шарипанын андан кийинки сөздөрүн ал уккан да жок. Тек көз алдына түрмө элестеп: "Мен сени түрмөдө чиритем", деген Болоттун сөзү кулагына жаңырып туруп алды. Ошентип өзүнүн кылган күнөөсү үчүн кечирим сурап корко баштады.. .

Созул Садырбай менен Тилланы чакыртып алып кеңешти. Алар ага аябай кубанып, Элдиярдын өзүнө жаккан кызын иликтеп киришти. Элдияр ата-энесине:

- Менин сүйлөшкөнүм жок, өзүңөргө жакканын көрөм, - деди.

- Анда жарасы жеңил, тиги Жолболдунун кызын сүйлөшүп көрбөйлүбү? - деди Сарыбай.

- Мага баары бир.

- Анда жеңем болуп эртең барып келели, мектепти бүткөнүнө эки жыл болду, үйүнөн чыкпаган башы оор кыз.

- Макул, - деди да туруп кетти.

- Сүйлөштүк анда, эртең үчөөбүз барып сөз салып келели.

Үчөө кеңешип отурганда Созул даярдап алган элүү миң сомун аларга берди, Садырбай менен Тилла бири-бирин таңгала карап уялып турушту, анткени өздөрү муктаж болгон гана кезде ага келишкен, канча жыл бою же балдарын жиберип, отун суусуна жардам беришпегенине эми уялып:

- Жеңе… жеңе муну ката туруңуз, келин келээрде эле керек кылабыз, - деди Сарыбай.

- Кой балам, сен муну ал дагы келинди өз үйүңө эле алып кел, андан кийин көрөбүз, балдарыңдын башы, тун балаңды өз үйүңөн үйлөнт, - дегенде Тилла Созулдун колунан кармап өөп ийди:

- Рахмат жеңе, ыраазыбыз сизге.

- Ал эмне дегениң, балдар менин дагы балдарым, өзүм башында болом, алгыла муну, Таңсулуунун калыңына келген акчанын калганы болчу, келин алуу оңой эмес, көп каражат керек, - деп күлүмсүрөй карады.

- Мейли, жеңем туура айтат, атасынын көрү, элге бир көрүнүп калайын, Садырбай ичип жүрсө дагы жыйып койгон экен деп калышсын, - деп Садырбай Созулдун колундагы акчаны алып, төш чөнтөгүнө салды, - Эртең Жолболдунун үйүнө баралыбы, жеңе?

- Буйруса барабыз, кийит-кечеден кабатыр болбогула, чүпүрөктү кудай алсын, сандыкты ачып керектүүңөрдү алгыла.

Эки күндөн кийин Элдияр бир тааныш кызын ээрчитип алып алыста күтүп турду. Калдык деген какылдаган кыз Аруужан менен теңтуш эле, атайы келип сүйлөшүп, ээрчишип чыкты. Элдияр менен тааныштырып, өз милдетин аткаргандан кийин жумушум бар эле деп кетип калды. Экөө гана калганда Элдияр:

- Аруужан, мен сени көптөн бери билем, сыртыңдан көрүп эле ашык болуп калгамын, - деди кызды карай.

- Өзүңүз ашыксыз, а башканын оюн билгиңиз келеби? - Кыз жылмая жигитти тиктегенде көздөрү чагылыша түштү.

- Албетте, ошол үчүн сага жолугуп, сүйлөшөйүн десем үйүңдөн чыкпайт экенсиң, жолугуу өтө кыйын болду, Аруужан, - Жигит кызды жалт карап көздөрүнөн көзү жалтана, - Кыскасы жактырып калдым, - деди.

- Кыз жүрөгү назик экенин билээрсиз, бир дагы жигит менен минтип бет маңдай турган эмес элем…

- Аруужан.

- Ийи.

- Үйлөнүп албайлыбы?

- Неге?!

- Неге дегениң кандай, мен сени менен турмуш жолун бирге баскым келет, жашоонун кызыгын сени менен чогуу көргүм келет.

- Кооз сүйлөйт экенсиз, ички дүйнөңүз дагы коозбу?

- Билбейм, сүйлөгүм келип турат, - Элдияр кызга жакын келип колунан аста кармады, - Мен сени менен гана бактылуу болоорума ишенем.

- Коюңузчу, бир көргөндө баарын чече коюш кыйындыр.

- Жок, менин ички туюмум алдабайт, сен мени азыр көрүп жатсаң, мен сени көптөн бери билем.

- Билбейм, жашоо оңой эмес дешет, ой-чуңкуру көп жашоонун ысыгына чыдап, жашоо керек го, мен али жашоо деген нерсени ойлоно элек экенмин, - Кыз акырын колун тартып алды, - Бир көрүп айтуу кыйын, дагы жолугуп, сүйлөшүп көрөлү.

- Эртең чоң апамдар куда түшүп келет, Аруужан.

- ? . . .

- Мен дагы чогуу келем, сырга салабыз дейт го?

- Чынбы?

- Ооба, анан менин колуктум болууга кандайсың?

- Билбейм…

- Аруужан.

- Ийи.

- Жок дебечи, суранам, биз бактылуу болобуз, жүрөктө сүйүү бар болсо, бири-бирибизди жактырсак…

- Билбейм, мен ойлонушум керек, жакшы барыңыз! - Аруужан ушинтти да жүгүргөн бойдон кетип калды.

- Кош Аруужан, эртең келем! - Элдияр култуңдай жолго түштү: "Демек кыздын көңүлү бар, тием деп айтмак беле кыз бала", деп ойлонуп кубанычтуу Созулдун үйүнө келди.

Аны көрүп эле:

- Эмне болду балам, сүйлөшө алдыңбы? - деп сурады Созул.

- Ооба чоң апа, каршы эместей…

- Азамат, балам, кыздын жакшысын тандапсың, ата-энеңди чакырып кел, эртең ким-ким болуп бараарыбызды макулдашалы.

- Макул, чоң апа, - Элдияр шарт эле жөнөдү, жүрөгү толкундап, көз алдынан кара көз сулуу кыз кетпей үйүнө келди, - Силерди Созул чоң апам чакырып жатат!

- Кокуй баралы, эмне, кыз табылдыбы? - Тилла уулунан сурады.

- Силер дейсиңерби, кемпир болсо да кадыр-баркы бар экен. Мен силердин эмес, ошонун баласы болсом болмок!

- Ий какмар десе, кудай десең, атаң экөөбүз ошону ойлоп таптык да, өзүбүздүн колубузда жок болсо эмне кылмак элек? - деди да акырын сүйлөдү, - Садага болоюн десе, аке дебейби, алдап жебейби дегендей апалап, эптеп ичи койнуна кирсең бүт сеники болот, анда ба-ар, бекеринен бай кемпир дешпейт да?

- Бирөөнүкүнө көз артпай өзүңөр аракет кылбайт белеңер, мен ал Созул чоң апамды өлгөнчө сыйлайм, төргө отургузуп багам, өзүңөр багалбагандан кийин мурун эле берип койсоңор жакшыраак тарбия алмакмын, болгула эми, - Элдияр аларды шаштыра жөнөдү.

Созул алар келгенче акча даярдап турду. Элдияр кирээри менен:

- Балам, эртең кийип барганыңа бир сыйра жакшы кийим алып кийип кел, - деп колундагы акчаны берди.

- Чоң апа, бул көп го?

- Ал, жакшысынан алып кий!

- Макул, - Элдияр сүйүнгөн бойдон чыгып кетти.

- Жеңе, эмне сөз? - Садырбай Созулду карап жооп күтүп калды.

Тиллада сөз жок унчукпайт, ушул карыган кемпирдин алдында күнөөлүүдөй отурат.

- Эртең Адылбектин үйүнө куда түшүп, кызына сырга салабыз, ким-ким барат, айтып койгула.

- Жеңе, өзүбүз эчтеке кыла албасак кантип айтабыз?

- Сиңдиң бар болуш керек эле, ини-сиңдиңди айтып кой, кийин таарынычтар көп болот, биздин туугандардан Сейтаалыны аялы менен айткыла, тууган уругу жоктой кылбай дүркүрөп баралы, анан эки машина тап, мен Мелисти чакырам! - деди Созул бакыбат сүйлөп.

- Ыраазыбыз жеңе, анда мен барайын, - Садырбай ордунан турганда Созул ага:

- Кое тур, союшту союп, күндүн эртесинде бышырып алышыбыз керек, Тилла экөөбүз барып таттуу-тармек алып келели, - деп ордунан турду.

Созул дүкөнгө барып, конфет-печеньени, жаңгак, өрүк, мейизди мол алды, ага кошуп он чакты арак, дагы толгон мөмө-чөмөлөрдү алып көтөрө албай туруп калышты. Аңгыча Мелис машинасы менен жүргөн экен көрүп эле, басып келип, өзү жүктөп жеткирди.

- Рахмат Мелис, - деди Тилла ага ыраазы боло, - Сен болбосоң келе албай отурмакпыз.

- Эчтеке эмес жеңе, - Мелис кетмек болгондо Созул аны токтотту:

- Токто балам, эртең Таңым экөөң келип калгыла, кечикпей келгиле макулбу?

- Макул апа, - Мелис шашып жөнөп кетти.

Артынан карап турган Созул: "Садага кетейиндер, ушулар менин ырыскым-бактым, тукум улаарым, кыз болсо дагы менин жээндерим, тукумубузду улаарыбыз, Эгемден калган урпагым", деп ойлуу телмирип туруп калды. Тилла камыр жууруп, боорсок жасаганга камынып жатат, Садырбай менен Элдияр кой союп, эт бышырганга отун суусун даярдап жүрөт, Созул ордунан козголуп сандыгын ачты, бир сандыгында "өлүмтүгүмө", деп келген кийит кечелер, Таңсулуунун кайнаталары алып келген кийимдер. Бирден талдап алып адими көйнөк жоолуктары менен пальтолорду алды: "Кызга көйнөк алыш керек эле" деп ойлонуп туруп, анан өзү эшикке чыкты, унутуп сандыгын ачык таштап коюптур. Тилла Созулдун чыгып кеткенин байкабай кирип келип, андагы буюмдарды көзүн чо-оң ачып карап, эси ооп бир азга турду да, шашып ичин аңтарып кирди. Эң түбүндөгү түйүнчөктү ала коюп, андан бетер оозу ачылды да ичинен үч кагазды алып кайра ордуна коюп, акырын байкатпай чыгып билмексен болуп Садырбайдын жанына келип аны ары жакка ымдай чакырды.

- Ай бери кеvлсең, мына муну карачы! - деп миң сомдук үч кагазды көрсөттү, - Сен айткан туура экен, жеңемдин сандыгында укмуш акчасы көп турбайбы?!

- Каяктан көрдүң?

- Азыр эле, кире калсам ачык туруптур, жеңем кайда кеткенин билбей коркуп үчтү эле алдым.

- Келесоо десе ошончо көп акчадан билип коймок беле онду албайт белең, карыз-гоолаңдан кутулуп жууркан төшөктү оңдоп алат элең да?

- Эмне, кайра кирип көрөйүнбү?

- Көрүп калбасын, ансыз дагы биздин балага чачылып жатса, ичи кетип калат, мен карап турайын, сен кир, бул жөнүндө балаң биле көрбөсүн, - деп үйдү көздөй ээрчишип келе жатканда Созул ары жактан келди.

- Келинге көйнөк алганды унутуптурмун, мына муну көрчү кандай экен, халат, байпак, үйгө кийчү тапичке дагы алып келдим, - деп колундагы аппак көйнөктү жазып көрсөткөндө экөө тең эмне дээрин билбей калдастай түшүп, анан Тилла күлгөн болду:

- Ии-ий жеңе, тим эле жакшынакайын алыпсың, кымбат да болсо керек?.

Өзүнчө жаман абалда болуп кетти: "Мен акмакмын ээ, ушул кең пейил аялдын кылганына ыраазы болбой кайра ачкөздүк кылып уурдап алдым, эмне кылам анан, жоктун жону катуу болуп жашасам, эми билинбесе экен, кудай уруп билип калса канттим", деп өңү боппоз болуп да турду.

- Алтын жеңем ай, мынчалык чачылбай эле эптеп киргизип койсок, жашай берет эле да, азыр кыздар эр таппай жүрөт, - Садырбай дагы ичтен уялганы менен сыртынан ушинтти.

- Кой, ал дагы бирөөнүн баласы да, өзү дагы назик, сулуу кыз экен, жакшынакай кылып алып келебиз, эртең сыргасын салып койсок, өздөрүнүн камы бүткөндө алып келебиз, - Созул оюнда арамдык жок көйнөктү бүктөй көтөрүп ичкери кирип кетти.

- Кудай сактай гөр, - деген Тилла жакасын кармана артынан кирди.

- Сенде кийим-кече бар беле? - Созул келинин сынай карап суроо узатты.

- Кайдан жеңе, дүкөнгө карыз болуп калып, абийирдүү буюмумдун баарын өткөрүп бергемин, карыздан башым чыкпай эле…

- Ичип жатсаңар карыз болосуңар да? - деп койду, - мындан ары силерди өзүм көздөп турбасам болбойт, үй ичи аялдын милдети, сырткы иш, акча табуу эркектики, уят ушинтип жүргөнүңөр, кызың күйөөгө тийгиче оңдоп алгыла.

- Садырбай иштебесе, мен болсо эчтеке кылалбасам кандай кылып оңдойбуз, жеңе?

- Иште де, айылдагы эптүү кишилер там салып, огород иштетип, бирөөнүн малын багып эле жашап жатышат, жайкысын мал-бада албайсыңарбы?

- Ошону ишенип бизге ким берет, жеңе?

- Мен алып берем, күйөөңдү ичирбей акчасын катып, өзүң эле кылсаң болбойбу, ботом катынсыңбы же… - Ошондо Тилла унчуга албай турду, - Оңой оокат кайда бар? Кереметим күйөөсү экөө өзүбүзгө керек болот деп малын да, акчасын да алып келип берип жүрүп өздөрүнө буйрубай калды, эми анын убайын мен көрүп кызын узаттым, - Созул үшкүрүнө ордунан турду, - Элдияр үйлөнсө үйдүн жанына дүкөн тургузуп берем, өздөрү жашаганга жакшы.

- Алтын эле жеңемсиң, пейлиң кең.

- Көрүмө ала кетмек белем, Таңым болсо кудайга шүгүр жакшы жерге барды, эчтекеден кеми жок, ошентсе да анын энчиси бар, - деп Тиллага карады, - Мына буларды куда-кудагыйга алып барсак кантет, жагабы көрчү, - деди.

- Жакпай эмне, жакшы экен, эми келин өзүңө ыймандуу болсо болду, кыз көңүлүңө жаккан го, жеңе?

- Жакпай анан, мунайым-ыйбаалуу, өңдүү-түстүү кыз экен бечара, менин эмес силердин келиниңер, мага убактылуу эрмек - караан болсо болду, менин уругум экениңер жалганбы, Эгемдин бир туугандары, ошонун арбагы ыраазы болсун… - Созулдун көрсөткөн кийит-кечеси, алган таттуу-тармеги, сойгон союшу, келинге арнап алган көйнөк менен жоолуктары Садырбай менен Тилланын колунан келмек турсун оюна дагы келмек эмес. Бир эсе ичи ачышып, бир эсе уялып: "Өз баламды элдей кылып үйлөнтө албасам ырас эле эне болуп, неге жаралдым? Мунун баарына жетишпестик күнөөлүү, мейли дагы ушул жеңем бар экен, бир келин алып алабыз, кийинкилерин кандай кылаар экенбиз: кызыбызды эч ким албайт го колубузда болбосо", деп отуруп калды Тилла. Созул сандыгын бекитип кийиттерди жоолукка ороп даярдап койду да:

- Сен балдардын бирин Адылбектин үйүнө жөнөт, эртең келет экен деп айттырып кой, алар дагы туугандарын чакырып даяр турсун, - деди.

- Макул жеңе, камыр дагы ачып калды, боорсокту бышыра коелу, келиндерди чакырып келейин.

- Ошент, - деп койду Созул.

Дал ушул учурда Адылбектин үйүндө дагы кемчиликтери толукталбай ары-бери жүгүрүп жүрүштү. Аруужан Элдиярды жактырып калды, үйүн актап, кыялында Элдияр анын жанында тургандай өзүнчө алып учуп, бирде жигит аны өөп жиберсе бетин баса калып, бирде алп кучагына алып кайдадыр зымырайт. Жупуну болсо дагы тазалап, орду-орду менен жыйыштырып койду. Адылбектин бир тууган иниси деле өзүнө окшоп жок-жарды, карындаштарына баласын жөнөттү. Алар бир аз дурус эле, колунан келгендерин алып жетип келишти. Дасторкон жайып, карыздап акча алып Аруужанды бир сыйрасын кийгизип, чачын түйүп жасап-түзөп күтүп калышты. Түшкө жетпей үч машина менен келип калышты. Мелистин машинасынан Созул түштү. Тосуп тургандар жабыла аларды көздөй басышты, Элдияр кычырай кийинип колуна жасалма гүлдөн алып, жанында досу Бакыт экөө башка машинадан түшүштү. Аруужан ички бөлмөдөн улам эшикти терезеден карап жаткан, аны көрүп жүрөгү түк-түк этип бурчка туруп калды. Алып келгендерин түшүрүп жаткандар аябай ыраазы болуп жатты. Үйгө кирип дасторконго отурушканда Созул:

- Кана, Аруужанды алып келчи, Гүлжан! - деди. Эки жеңеси аны колтуктап келип, Элдиярдын жанына отургузгандан кийин, - "Жакшы тилек жарым ырыс" дейт, эзелтен бери келе жаткан ата-бабанын салты экен, мен өзүм эле Аруужанга сырганы салайын, - деп туруп келип кыздын кулагына сырганы тагып, - Ылайым Элдияр экөөңөр бак-таалайлуу болгула! - деп бетинен өптү.

Отургандардын ичинен Тилла менен Садырбай гана жаман абалда болуп жатышты, жайланышып отургандан кийин кыз-жигиттерди башка бөлмөгө чыгарышты. Созул Садырбай менен Тилланы көрсөтүп:

- Адылбек, Гүлжан, мен силерди баламдын ата-энеси менен тааныштырып коеюн, булар ата-энеси, мен чоң апасы болом, - дегенде:

- Жакшы-жакшы, - дешип бапылдап калышты.

- Жеңем турганда биздин балабыз деп айта албайбыз, "ала кушту атынан айт" дегендей ачыгын айтып коеюн деди окшойт, - деп Тилла күлүп калды.

- "Кудай кошкон куда, пайгамбар кошкон дос болот" дегендей бир жер, бир элден экенбиз, эжем туура айтат, сөз чынынан бузулбайт эмеспи, эшигиме гүл өстүрдүм эле, гүлүмө ашык болуп келипсиздер, "кымызды ичкенге, кызды сураганга бер" деген ата-бабанын сөзү бар, - деп Адылбек бакылдап калды.

Эшикте кой союлуп казан асып, конок тосуу каадасын күтүп жатышты. Созул Адылбек менен Гүлжанга, анын бир тууганына, улуу баласы менен келинине кийит кийгиз дегендей Тиллага каш кагып койду эле ал туруп барып кийиттерди өз ирээти менен кийгизип жатты. Андан кийин Созул өзү:

- Эмесе бул кыздын тоюна дегенибиз айланайындар, кыздын каадасын кылып коелу, элүү миң сом, - дегенде баары оозун ача чымындын үнү угулчудай жымжырт боло түштү, - Аз да болсо көптөй көрүп кабыл алып койгула!

- Эже аа-ай, кызымды акчага бааламак белем, өзүңүз айткандай каадасы болсо алып коелу, жалгыз кызымды күйөөгө чыгат десе ичим ачышып эмитен эле бир капшытым оңкулдап калды. Жанымдан артык көрөм, дагы эле кичинекей деп жүргөн экенмин, - Адылбек ого бетер бакылдап жайдары болуп калды.

Созулду анча берет дешип ойлогон эмес эле. Конок каадасы кылып койкойгон бөтөлкөлөр келди, Созул Садырбай менен Тилланы "аз ичкиле, мас болбогула" деп эскертип келген, азыр дагы оозун кымтып койду, бирок кудалар тарап кыстап ичире баштады.

- Кана эмесе кудалар, "эки жакшы жайлоого чыкса кудалашып түшөт, эки жаман кубалашып түшөт" дегендей буйрук экен, минтип бир дасторкондон даамдашып калдык, эки жаштын бактысы үчүн алып коелу!

- Ооба, кыз берип келин алуу адам баласынын эң бактылуу кези, башка баш кошулуп жатса ким кубанбайт. Адылбек акем күйөө балалуу болуп кубанып отурса, сиздер келиндүү болобуз деп сүйүнүч менен келип отурасыздар, ушул эки жаш бактылуу болсун, ылайым толо аягы бөксөрбөй-чайпалбай, мелт-калт толуп өмүрлүү болушсун!

- Айтканыңар келсин, кыз-күйөө эки жакка тең кайрымдуу уул-келиндерден болсун, - дешип не деген гана жакшы сөздөр айтылбады. Аңгыча алдыга эт келди, колго суу куюлуп, улуулата жилик тартып, шорпо келди, андан соң беш бармак алып келишти. Кудалар антип бака-шака түшүп жатканда Элдияр менен Аруужан экөө өздөрүнчө сүйлөшүп отурушту, күйөө жолдош болуп келген Бакыт аларды тамашалай күлдүрүүгө аракет кылып жатты.

- Аруужан, айтсаң, күйөө бала жакшы жигит бекен?

- Билбейм.

- Өзүң кандай деп ойлойсуң?

- Ойлогон деле жокмун.

- Жигиттин гүлү бекен айтчы, жактырып калдыңарбы?

- Жо-ок ай.

- Кыздар укмуштай бекем жансыңар ээ?

Эмнеге?

- Жакшы көрүп турсаңар дагы сыртыңарга чыгарбайсыңар, зымырайып кана жүрө бересиңер.

- Кыздарга андай укук берилбесе кантебиз? - Кыз күлүмсүрөй Элдиярды көз кыйыгы менен карап койду.

Ошондо гана Элдияр:

- Аруужан, - деди, - Өкүнгөн жоксуңбу?

- Неге?

- Мага турмушка чыгарыңа.

- Жо-ок.

- Рахмат, - Элдияр унчукпай калды.

- Ой, досум тим эле канаты жогунан учуп кетпей зорго турат го? - Бакыт ортого кыпчылды.

- Неге?

- Сиздей сулуу кызга күйөө болгону жатканына!

- Кантип эле?

- Ушинтип эле, элестет, кыялындагы сулуу келип эле колтугунда болуп калса.

- Кызык экенсиз, - Уялгандай кызарып кетти.

- Мен эмес, жашоонун өзү кызык, бул жашоонун кызыгына батып алган адам жүздөн ашса да өлгүсү келбей дагы жашай турсам экен деп, кудайга ичинен жалынат имиш.

- Ошондойбу?

- Ошондой, бир адам жетип-жетпей жашаптыр, жашы жүздөн ашыптыр, анан жан алгыч келсе: "дагы кое турсаң болот эле, жашоонун кызыгына эми жеттим эле", дептир, "ушунча жашап эми жеттиңби? десе, "Ооба токсон жыл бекерге кетти, он жылдан биякка эсептей бер", деген экен.

Бакыт күлүп калды, ага кошулуп экөө дагы күлүп калышты. Аруужан алар менен көңүлдүү эле отурду. Элдиярдын сүйлөгөн сөзүн, кыймыл аракетин байкап сындан өткөрүп жатты. Анысын Бакыт да байкады. Бакылдашып, төркү үйдө кудалардын ырдай баштаганынан улам алаксып калды.

- Аруужан.

- Ийи.

- Чын эле меники болосуңбу ээ? - Элдияр ушинткенде кыз бырс күлүп ийди.

- Мен эмне, буюм белем?

- Эмне, адамды, болгондо да жактырган адамыңды өзүмдүк кылса болбойбу?

- Билбейт экенмин.

- Кабатыр болбо дос, аяш баштан аяк карап, сени сындан өткөрүп койду, - Бакыт көз кыса күлдү, - Туурабы, аяш?

- Кантип билдиңиз? - жылмая карады.

- Ушинтип эле, көзүңүз айтып койду эмеле.

- Кызык.

- Кызык эмеспиз, ысыкпыз аяш, жүзүбүз жылуу, сөзүбүз жылуу, ал эми өзүбүз сулуубуз, - Бакыт купшуңдап койду. - Андан көрө кыз-жигит сейилдеп келбейсиңерби, бүгүнкүдөй "шанс" болбоспу, эргип кетесиңер. Жүргүлө, корксоңор өзүм коштоп алайын.

- Жүр, Аруужан, эшикке басып келели.

- Эл көрсө эмне дейт?

- Эмне болмок эле, колуктумсуң да.

- Ошентсе деле.

- Макул Аруужан, эртең тээтиги кыр бар го, ошол жакка барасыңбы, мен ошол жерден жолугуп сүйлөшөлү ээ?

- Көрөм го?

- Сөзсүз күтөм, - деп көпкө чейин ошентип сүйлөшүп жатышты.

Ошол убакта дасторконго бата тилеп аларды чакырышты. Элдияр менен Аруужан келип туруп калганда Созул өзүнчө эле элжиреп алды:

- Окшошкон садагаларым десе.

- Бактылуу болушсун, бири-бирине жарашкан жубайлар болгудай, ээ? - Таңсулуу апасына ыктай шыбырады.

- Ооба, кудай экөөнүн бактысын берсин, - Созул ушинтти да, - Кана эмесе, эки жаштын өмүрү узун, өрүшү жайык, келечеги кең, бак-таалайлуу болуп, ата-энелерге, улуу-кичүүгө ыймандуу, ырыс кешиктүү болушсун, оомийин алоо акбар!

- Ылайым бактылуу болгула.

- Кол кармашып түбөлүк бирге болгула, - деп жабырап калышканда, Адылбек:

- Айтканыңарды кудай кабыл кылсын, сиздерге дагы чоң ыраазычылык, кош келипсиздер! - деди жетине албай.

- Кош келипсиздер, аман болуңуздар! - Гүлжан дагы күйөөсүн коштоду.

- Таттуу куда-кудагыйлардан бололу, - Созул ушинтти да Садырбайды карады, - Кана балам, чыгалы. - Коштошуп жатып: - Эмдиги жумада келип алып кетебиз, - деди Созул.

- Эшигибиз сиздер үчүн ачык, - дешип машинага отуруп жатканда, кол булгалай узатып калышты.

Адылбек менен Гүлжан аябай ыраазы болушуп кызына жылмая карашты:

- Садагам десе, күйөө бала жактыбы? - Гүлжан кызын өөп сурады, - Деги өзүңө жактыбы, кызым?

- Несин айтам апа, болоор иш болду го? - деп Аруужан уялып, жүзү кызара жер карады.

- Кызымды уялтпа, өзү билет, сен экөөбүз эмнени чечет элек, бизге айтмак беле ээ кызым? Иши кылса күйөө бала жакты мага, кудалар деле жакшы кишилер экен.

- Созул эжем байкуш эмне кылсын, жалгыз кызы аябай жакшы жерге барды эле, жанагы кыз ошонуку, ал дагы жакшы жерге барыптыр, - дешип сүйлөшүп отуруп, тез арада кыздын себин даярдоону кеңешип жатты.

Жан-алы калбай карындаштары келип, жууркан-төшөктөрүн жасап, килемдерин алып, өздөрүнчө эле кым-куут болуп жатышты. Болжогон күнү он чакты адам менен келип Аруужанды кол менен алып кетишти, алына жараша берди себин. Убадасы боюнча Созул музоолуу уйду жетелетип ийди. Аруужан Созулдун оюндагыдай келин болду. Тырмаңдап эрте туруп алып, үй ичин жыйнаштырып, чай кайнатып алып кайненесинин алдына коет, кирип чыгып баарын жасайт. Бир күнү Созул:

- Аруужан, эрте турбай эле жатып уктай бер айланайын, эзелкиден калган зарыл жумуш жок, - деди.

- Өзүм үйдө эрте турчумун чоң апа, эрте турган кудайдын ырыскысынан кур калбайт дешет го?

- Аа-а кагылайын десе, жаш кезде ойносо оюнга, күлүп күлкүгө, уктаса уйкуга тойбой турган убак эмеспи, өзүң бил садага.

- Чоң апа, сиз деле эрте турасыз го?

- Мен уктап чарчагамын да балам, эми уйку качкан убак, силердей жаш кезде уйкум аябай жаман эле. Ыраматылык чалым: "Ушу сен уктай эле бересиң, жадабайсыңбы, эрте туруп жүрсөң боло" деп калаар эле…

- Чоң ата жакшы киши беле?

- Айтпа, он эки жыл жашадык, жашында өтүп кетти байкуш, бир дагы жаман айтышкан жокпуз.

***

Жолдошбек кадимкисиндей болуп калган менен бир колу менен бир буту жансыздай зорго кыймылдап аксап басып калды. Айшакан анын минтип басып калганына ыраазы болуп сүйүнүп калды. Атасы Бекмурат дагы сакайып айылга кеткен. Келини Таңсулуу анын көз карашынан илгиртпей түшүнүп турат, ал ошого абдан ыраазы, өтө тарбиялуу, кылган-эткени тыкан, өзүн дагы таза алып жүргөнү аны кубантса, өзүнүн кызы Айгеримдин күн-түн дебей талаалаганы жүрөгүн өйүтчү болду. Ал үй оокатын жасаганды такыр билбейт. Бир күнү Айшакан ашканада, Айгерим жүгүрүп келип, таштанды салчу челекке кусуп ийди. Аны көргөн Айшакандын жүрөгү шуу этип жанына жетти:

- Ай, сага эмне болду, эмнеге кусуп жатасың, ыя?

- Кусса эмне болмок эле, ушу силердики өттү, кадамымды аңдып турасыңар, - деп Айгерим тултуңдай чыгып кетти.

Ошондон баштап ал үйдөн чыкпай калды. Эне эмеспи, Айшакан анын ар бир кыймылына көз салып аңдып жүрдү, анын кусуп, тамакка табити тартпай калганын сезип, бөлмөсүнө кирди. Айгерим аны көрмөксөн болуп ары карап жатып алды.

- Айгерим, турчу экөөбүз сүйлөшөлү.

- Эмнени?

- Тур, сүйлөшчү сөз бар.

- Турбайм, айта берчи.

Моюн толгой турбай жатып алды эле, Айшакан аны колунан тартты:

- Туруп сөз угасыңбы же жокпу?

- Эмне дегени турасыз эми? - Аргасыз туруп апасына жүз бурду, - Айтпайсыңбы, эмне сөзүң бар?

Айшакан кызынын жүзүн көз токтото бир саамга карап турду, аппак жүзүнө билинээр-билинбес сепкил түшүп, өңү азгын тартып кеткен экен, жүрөгү сыйрыла түштү: "Эси жок кызым ай, жаңылып калган экенсиң ээ, эми кандай кылдык? Эгер укса атасы жарылып өлөт, эмне кылсам экен?", деп ойго берилип калганда:

- Эмнеге мени көрө электей карайсың? - деп бурк эткен кызынын добушу эсине келтирди:

- Канча болду? - деди анан.

- Эмне? - Айгерим жүзүн ала качты.

- Канча болду деп жатам? - Ачуусу келе үнүн көтөрө сураганда ал тайсалдай:

- Түшүнсөм өлөйүн, эмне деп эле башты оорутуп жатасың? - деп тултуң эте жатып алмак болгондо карыдан булкту:

- Бизди шерменде кылгың келип жүрөбү, айт азыр!

- Апа-а.

- Оозуңа кара балээ, күндү-күн, түндү-түн дебей жүрүп, табаарың ушул беле уятсыз, элдин бетин кантип карайбыз ыя, балаңдын атасы ким?! - дегенде Айгеримдин башы шылк дей түштү, үнсүз ыйлап кирди, анын көз жашынан эненин жүрөгү зыркырай түштү: "Курган кызым ай, эми не болот, элдин бетин карап кантип басып жүрөбүз", деп ойлонду да Айгеримди бооруна кысып көпкө отуруп алдап сурамак болду оюнда, - Кызым, чыныңды айт, бул иш өтө жаман, атасыз кыз кезинде төрөп алсаң, биздин эл караган жүзүбүз жер карайт го? - деди, - Сен ал баланы билесиңби?

- Ооба.

- Билсең ачыгыңды айт, ич арадан бүтүрөлү, кызым.

- Апа, анын такыр шарты жок экен, атасы жок, апасы бар, - Айгерим эми чечилип, сүйлөп кирди, - Мен аны ала качып кетем дегенинен болбой койдум.

- Эмнеге, өзүң жакшы көрөсүңбү?

- Ооба, мен анын үйбүлөсүн билчү эмесмин, колунда жок начар экенин кийин билдим.

- Эмесе кызым, сен терең ойлон, жаманбы-жакшыбы абийириң төгүлгөнчө жок, жарды болсо дагы, өзүң каалаган адам да, туурабы? - деди Айшакан кызынын жүзүнө үңүлө, - Ал өзү сага үйлөнгөнгө көңүлү барбы?

- Ооба, үйлөнөм дегенинен болбой койдум.

- Анткениң болбойт, тез арада кетпесең билинип калса, шерменде болобуз, - деди акырын сүйлөп, кызын соороткон Айшакан, - Атаң менен Мелистер эчтеке билбесин, жеңең укса эмне деп ойлойт, намыс керек кызым, намы-ыс.

- Болуптур апа, мен эртең эле Аскатка айтам.

- Ошент кызым, эл билбесин мындайыңды, - деген Айшакан бир оор жүктөн кутулгандай оор үшкүрүнүп алды: "Кудайга шүгүр, колунда жок болсо эмне экен, абийирибиз төгүлбөсө болду. Жолдошбекти өзүм тыям, ал азыр мурункудай эмес, оорунун азабынан зорго жүрөт, ага эчтеке билгизбейм", деп ойлонуп, өз ишине киришмек болуп баратып, Таңсулуунун окшуп, кусуп жатканын көрдү да: "Мунун дагы боюнда бар окшойт, кудайга шүгүр, неберелүү болот экенбиз", деп кубанып алды.

- Кызым, кыйналып жатсаң кылбай эле койчу, өзүм кылам, жатып эс ала гой, - деди ал алдынан чыкканда.

- Жо-ок, кыйналган деле жокмун апа, жүрөгүм айланып кетти, - деп жаркылдай караганда Айшакандын жүрөгү жылый:

- Неберелүү кыласың го, кызым? - деди мээримин төгө.

- Эмне дейсиз? - Таңсулуу кызарып кетти.

- Ошондой болот кызым, өзүңдү кыйнабай каалаган тамагыңды ичип тур, - деди да маңдайынан өөп, - Бизге денсоолугу таза небере таап бересиң, - деп жылмайып койду.

Таңсулуу уялып, өз бөлмөсүнө кирип кетти, анан кыялында бала көтөрүп жүргөнүн элестетип жүрөгү элеп, желеп болуп, Мелисти күтүп жатты. Ал эми Мелис бул убакта машинасы менен кыз-келиндерди салып алып, ээн талаада эс алып жүргөн эле. Адам баласы бакытты да көтөрө алганы көтөрөт, көтөрө албай калганы жашоо дегенди башкача өткөрүүгө өтүп, ойноп-күлүп жүрө бергиси келет. Мелис дагы Таңсулууну үйүнө алып келгенден кийин бир айдай чыккан жок. Анан сонункараганы тарап, сүйгөнүнө жеткенден кийин баягы адатына түшкөн. Ал Адинай деген кыз менен көптөн бери жүрөт, бир күнү машинасына отуруп, Адинай менен кетип жатканын көрүп, Ырыс алдына тура калды.

- Эй жинди болдуңбу, өлгүң келип жатабы ыя? - деди Мелис түшө калып аны жулкулдата.

- Ооба, өлгүм келди, дал сенин колуңдан, өзүңдөн жаралган балаңды кошо өлтүргүм келди! - Ырыс тике карап ушинткенде, Мелис андан көзүн тартып алды.

- Башымды оорутпай барчы ары! - деп кайра машинасын айдап, артка жылдырды да, буруп кетип калды.

- Акмак, жүзү кара, ылайым жакшылык көрбө! - деп Ырыс жин тийгендей таш менен коюп, кыйкырып кала берди.

Ары жактан келаткан Жибек анын жанына келди:

- Сага эмне болду, ким менен урушуп жатасың?

- Мелис менен, ал акмак эми Адинай деген келинди салып кетти, бул ушундай келесоо да, - деп Ырыс ыйлап жатты.

- Сен жинди болдуңбу, өзүңдүн абийириңди төгүп жатасың да, өлүп кетпейби, билмексен болуп жүрө бер да?

- Кантип Жибек, ичим чоңоюп баратат, кайда кетип калаарымды да билбейм, айтчы деги Жибек, каякка жоголуп өлөм? - Жибекти кучактап ыйлап ийди.

- Койчу Ырыс, эркектер ушундай да, мен деле алданып жүрбөйүмбү, качан алам деп айтат деп күтүп эле жүрөм.

Эки кыз ички бугун чыгара сырдашып турганда, Мелис дүкөнгө кайра келип токтоду. Жибек далдоого тура калды да шыкаалап туруп, ичиндеги келинди көрдү, анан билмексен болуп Мелис чыгып келе жатканда машинадагы келинге барып:

- Сен ким менен жүрүп жатканыңды билесиңби, Мелистин аялы бар, ал менин курбум болот, аялы бар эркек менен жүргөндөн уялбайсыңбы, үй-бузар десе, - деп калды.

- Мен эмне тийем деп жатыптырмынбы, өзү болбой жабышып жатат, мен эмес, - деди Адинай кашын кере.

- Уятсыз десе, эгер Таңсулууга айтсам, алдагы бетиңден тамтык калтырбайт, кана түшүп жоголчу! - деп аны колдон алып сүйрөп жатканда, Мелис келип калды:

- Жибек, сага эмне болду?

- Эчтеке, сен дагы эле баягыңды таштай элексиң го. Таңсулууга айтамын сени, аялың болуп туруп көрүнгөндү салып, ойноп жүрөсүң, уялбайсыңбы?

- Жибек, түшүнсөң, уксаң, бул мени "үйүмө жеткирип кой" дегенинен эле салып алгам, - Мелис тайсалдап кетти.

- Өзү жабышып жүрөт деп жатпайбы?

- Ким?

- Адинай!

- Эй, сага ким жабышып жатат, бар өзүң кете бер! - деп Мелис Адинайга карады, - Ким жабышты сага, жеткирип кой дегениңен макул дебедим беле?

- Мелис, мындай оюнуңдун мага кереги жок, жабышпай эмне кылып жүрөсүң, эмнеге актанып жаныңды жейсиң? "Сүйөм сени, аялымды сүйбөй эле аргасыз алгамын" дебедиң беле?! - дегенде Мелис аны жаактан ары бир койду да машинадан тартып түшүрүп коюп, өзү отурду да айдап кетип калды. Адинай боз ала чаң болуп туруп калды.

- Ийи, кандай экен бирөөнүн эри менен жүргөн? өзүңдүн эриң болбосо бирөөнүн эри аманат деген ошол, сен калып каласың, көрдүңбү? - деди Жибек маңдайына келип.

- Жапчы оозуңду, сен болбосоң таштабайт болчу! - деп басып баратканда, Жибек:

- Таштабай турган болсо алып кетпейт беле, сендей көрүнгөндүн эри менен жүргөндөр жолдо калат! - деп кыйкырды.

Жибек бул кылыгын өзүнчө туура деп ойлоду, курбусуна жан тартып, жакшылык кылып жаткандай көрүндү. Бирок ушунусу үчүн өмүр бою азап чегип калаарын сезген жок. Мелис Жибекке жини келип, өзүн алаксытып, алгандарын үйгө көтөрүп кирди. Бул кезде Таңсулуу аны чыдамсыздык менен күтүп жаткан болчу. Мелис киргенде Айшакан тамак жасап жаткан:

- Келдиңби, уулум? - деди ал көрүп эле.

- Келдим, - деп Мелис көңүлсүз кирип кетти.

Анын келе жатканын билген Таңсулуу алдынан тосуп алып мойнуна асыла кетти:

- Сүй-үн-чү!

- Кандай сүйүнчү? - Мелис кайдыгер сурап коюп, диванга жата кетти.

- Укпайсыңбы? - Таңсулуу таарынгандай тултуя калды.

- Айта берчи?

- Айтпайм, сен уккуң келген жок! - деп Таңсулуу отуруп алды эле, Мелис туруп келип кучактап өөп:

- Кана, кулагым сенде, - деди.

- Айтпайм, жана айтайын десем укпай койдуңбу?

- Койчу жаным, мен чарчадым, ошого эле жата калбадымбы, кана айта койчу жаркыным, жалжалым менин, - Өөп, жатып эптеп таарынычын жазды Мелис.

- Менин боюмда бар экен.

- Ыя, чын элеби, ким айтты? - Мелис кубанганынан эмне сураганын билбей толкундана отурган жеринен келинчегин көтөрүп алып, өпкүлөп тегеретип жатты, - Сен мага төрөп бересиң, алтыным, биз балалуу болобуз ээ?

- Ооба, адегенде кыз болот ээ?

- Мейли, сен каалагандай эле болсун, кыскасы балалуу болобуз, бактылуумун Таңы, - Мелис Созулду туурап ошентип айтты, - Сен мени бакытка бөлөп койдуң!

- Мен дагы бактылуумун, - деп Таңсулуу күйөөсүнө жылмая карап турду.

Эки жаш өздөрүн ошентип бактылуунун бактылуусу сезип турушту. Бирок Мелис кыжаалаттыктан кутула албай: "Жибек айтып коюшу мүмкүн, араң зорго берилип көнө баштаганда Адинай менен жүргөнүмдү укса бул токтобойт, кетип калышы мүмкүн", деп ойлоп, Жибекти Таңсулууга жолуктурбаштын амалын кантип табууну билбей жатты.

- Таңсулуу, - деди Мелис көптөн кийин.

- Оов.

- Сен мени кечирдиңби?

- Ой жинди, кечирбегенде кантем, эми минтип балалуу болгону турабыз, апам витаминдүү тамак ич, денсоолугу чың неберелүү кыл деди.

- Чын элеби?

- Ооба.

- Апам ошондой алтын, сени кызындай эле көрөт, атам сени андан дагы артык көрөт болуш керек?

- Кантип эле өз баласынан артык көрсүн келинди? Бирок жакшы көрүшөөрүн билем, эгер сен билгиң келсе, мени ошол кишилер гана ушул үйгө алып келген, чоң атам болуп, болбосо сен үчүн келмек эмесмин, - деди Таңсулуу ойлуу.

- Аны сопо-сонун түшүнөм.

- Түшүнсөң ошо!

- Анан эмичи, эми жакшы көрөсүңбү, же дагы эле ошолор үчүн жашап жатасыңбы?

- Ал се-кр-ет! - Күлүп калды.

- Чыныңды айтсаң Таңы, менин таңым, мени жок дегенде ойлойсуңбу?

- Ыкы.

- Эмнеге?

- Сен башкалардын жүрөгүндө жашаганыңды билем, Ырыс менден мурун төрөйт, ал байкуштун ал-абалын сен ойлогон да жоксуң, эркектерди ошол үчүн жек көрөм.

- Койчу эми, Ырыс мурун эле бузулган кыз болчу, айта берет да? - Мелис уккусу келбей келинчегин өөп, жулмалап кытыгылай баштады, - Демек мени жакшы көрбөйсүң ээ, кана айтчы жакшы көрөсүңбү?

- Ооба-ооба деп жатам го, Мелис, жөнчү! - Таңсулуунун жүрөгү айланып, - Кускум келип жатат! - деди бакыра оозун басып. Тура калып, таштанды чакага жетип, кусуп кирди.

Мелис башкача ойлоп: "Менден жийиркенип кеттиби, демек мени сүйбөйт, алигиче жек көрөт", деп жатты. Таңсулуу келип, жанына жатып калды.

- Эмне болду Таңсулуу, менин жытымдан кускуң келип кеттиби, жүрөгүң айлангыча жек көрөсүңбү? - деп сурады колун арта.

- Кантип жаман ойлоого дитиң барды Мелис, боюнда бар аялдар кусат экен, тамак ичким келбейт, кыйналып кеттим аябай, - деп айтканда Мелис ойлогон жаман оюнан уялып, өөп койду.

- Кечирчи алтыным, мен жөн эле айтып койдум, - деп унчукпай калды, - Сен анда эчтеке кылбай эле кой, мейлиби?

- Ансыз деле апам айтты, бирок отура албайт экенсиң, кыймылдаган жакшы да.

- Баламды кыйнап коюп жүрбө!

- Кыз болсочу?

- Кызбы же эркекпи, баары бир бала да.

- Туура, - деп койду Таңсулуу, - Балабыз, денсоолугу чың бала болсун деп, мен дагы ойлонуп жатам.

- Алтыным, - деп ойлонуп калды.

Оюнда Жибекти кантип үйгө келтирбей, жолуктурбай коюну ойлоп жатты. Таңсулуу болсо кыялданып жата берди. Ошол кезде оюна Мирлан түштү: "Аттиң, сүйүп, сүйгөнүңө жетпесең сүйүүнүн эмне кереги бар, эмне кылып жүрдү экен Мирлан? Мени унуткандыр, адегенде таарынды, ата-энеси каршы болбогондо үйлөнүп калмакпыз, Мирлан ата-энесине дагы мага дагы таарынды го, тагдыр ай, ушунчалык таш боор белең, эки жаштын аруу тилегин талкалап, жүрөгүнө муң салып, өмүрлөрү өткөнчө өкүнүп жүргүдөй кылган теңчилиги жок белең", деп сыздап жатты.

Мелис эртеси эле кайра кетти, анын жумушу деле жок, кайда барасың деген да адам жок, күндө кызматы калгандай чыгып кетет. Ал кетээри менен Жолдошбек аялына минтти:

- Ой, бу балаңдын иштеген иши болбосо кайда барат деги, сурап койсоң боло?

- Жүргөндүр да атасы, үйдө аялы турбайбы, эми жаман жолго барбас, жакында балалуу да болушат.

- Келиндин боюнда бар бекен?

- Ооба, - деп Айшакан жылмая күйөөсүнө карады, - эртең доктурга көрсөтүп келейин, неберелүү болобуз, атасы.

- Айтканың келсин байбиче, ылайым эле балдарыбыз бактылуу болушса болду. Баса, Айгерим эмне кылып жүрөт?

- Аа-а албы, ал үйдө уктап жатат, - Айшакандын эмелеги кубанып турган жүзү бозоро түшүп, көзүн ала качты.

- Түшкө чейин уктабай бирдеме кылып үйрөнсө боло, жок дегенде жумуртка чакканды билбейт кызың, - деп күлдү Жолдошбек.

- Кантип эле атасы, Айка баарын эле жасайт, үйрөнөт да, - Айшакан күйөөсүнүн талуу жерине тийген сөзүнөн тайсалдап жатты. Ошол убакта Айгерим туруп келип атасын өөп:

- Кандайсыз ата? - деп коюп сыртка чыгып кетти да, бети-колун жууп кайра келди.

- Кызым бойго жетип калган го байбиче, күйөөгө бериш керек, - деп күлгөндө Айшакан кызын карады, экөө бири-бирин карап туруп калды, - Байбиче, Айкага куда түшөм дегендер бар, камына бер! - деди.

Айгерим унчукпай бөлмөсүнө кирип кетти.

- Жоке, кызың өзү жактырса көрөбүз, баланы көрбөй туруп, кыз макул боло коебу, бул сөзүң кызыңды капа кылып койду го?

- Капа болбойт, атасынын сөзүн угат кызым, байбиче, мен аны бактылуу болсун дейм да?

- Ооба-ооба, сен экөөбүз балдарга бак-таалай гана каалайбыз, бирок алар бизди түшүнөбү?

- Байбиче, кабатырлана бербе, буйруса кудалар келет, Айкамды жакшы жерге узатсам, экөөнү шаарга окууга жөнөтөбүз, Бектемир жакшы киши, баласы мединститутта окуйт, быйыл бүтөт экен, ооруп жатканда эле айтып жүргөн, эми өздөрү келет буйруса, сен камына бер, байбиче.

- Макул, "кызды сураганга бер" деген, багына келгенин көрөт да, атасы, "кыз жаманы кыроо" деп койчу эле менин апам, анын сыңары жаман кызыбыз буйруган, насиби тарткан жерине бараар, эмнеси болсо да бактылуу болуп, өмүрү узун болсунчу, - деп Айшакан күйөөсүн жайкай сүйлөп жанына отурду, - Балдар деген баягы биз эмес, өз сүйгөнүнө баш кошууну каалайт, экөөбүзгө жаккан аларга жакпайт, биз ата-энебиз, балдардын бактылуу болушу үчүн кам көрүшүбүз керек, кыйнабайлы балдарды.

- Бу сен эмнеге эле минтип калдың байбиче, кызыңдын бирдемеси барбы? - дегенде Айшакан:

- Эмне-е? - деп чоочуп кетти, - Сен айтканда кызыңдын жактырбай кирип кеткенин көргөн жоксуңбу? Демек сүйлөшкөн жигити бар, болбосо жаныңа отуруп, чай-пай ичпейт беле? Мен сырын деле билбейм, бойго жетти, жаш, сулуу, анан эмдигиче жигити жок дейсиңби? - Токтоо, орундуу сүйлөгөн аялынын жүйөөлүү сөзүнө Жолдошбек ой берип, унчукпай калды. Айшакан эс ала түштү: "Кудай сактай көр, бир балээден кутулдум, эми эмне болоор экен, эптеп ала качты кылып алып кетсе андан кийинкисин көрөт элек да", деп ойлуу ордунан турду, - Кардың ачтыбы Жоке, Таңсулуунун тамакка табити жок, уйкуң келсе уктай бер дедим, кош бойлуу неме кыйналып калбасын, - деп ашканага кирди.

Жолдошбекти чакырып тамак берди, экөө дагы көпкө чейин сүйлөшүп жатты.

Дал ушул учурда Мелис Жибекти карап күндө келчү жерине келди, көпкө күттү, ал анткени иштечү, жумушуна келээр жолун тосуп, түш оогуча карап отурду. Түш ооп кетмек болгондо ал көрүндү, аны күтүп отурганда Мелис машинасынан түшө калып учурашып калды.

- Жибек, кандайсың?

- Жакшы, эмне болду? - Мисирээ туруп калды.

- Жибек, кечирип койчу, мен сага Таңсулуунун аманатын айтайын деп эле келгем, ал сени эртең кечкиге конокко чакырып жатат, - деди тайсалдай.

- Болуптур, өзүм барып калам.

- Жо-ок, убара болбо, сендей аяшымды өзүм келип алып кетем, күт ээ мени, сөзсүз эртең алып кетем.

- Ма-акул, - деп күлүп койду Жибек, - Сөзсүз барам.

- Рахмат, мен кубанам, - деди да коштошо жүрүп кетти.

Ушул убакта Мелис дал ушул кыздын айынан темир тордун артына түшүп калаарын ойлободу. Кытмыр жылмайып алып, машинасын айдап үйүнө жөнөдү. Ал келгенде Жолдошбек менен Айшакан экөө ашканасында отурушкан. Кирип келген уулун көргөн Жолдошбек сынай бир карап алды.

- Бу сен кайда жүрөсүң ыя, дагы бирдеменин үстүнөн чыкпай жөн жүрсөң боло. "Аткан окту житкен ок табат" деп бир кылмышың бирин таап зорго бастым.

- Жөн эле жүрбөйүнбү? - Орой жооп берип өтүп кетээрде Айшакан аны токтотту:

- Бирдеме ичесиңби?

- Жок!

- Анда Таңсулуунун ал абалын билчи, бирдеме ичсе боло, эмне ичет экен, сурап, каалаганын алып берсең боло?

- Азыр, - деген Мелис өз бөлмөсүнө кирип кетти. Бир аздан кийин кайра чыгып келди да, - Эчтеке ичпейм деп жатат го? - деди башын кашылай, - Алма жейм дейт го, мен алып келип берейинби? - деди акырын.

- Алдыңа кетейин десе, алып келип бербей анан, бара гой садага, алып келип бер, - Айшакан кубана мээримдүү карап башын ийкегиледи.

- Ээ байбиче, кийинки күндөрү башкача болуп баратасың да, мээримдүүсүң, ушу сени келинге жаман чыгабы деп жүрдүм эле, - деп Жолдошбек аялына карады.

- Койсоңчу, жаш кезде чабал элем, эми картайбайынбы, келин алгандан кийин токтолбогондо качан токтолом? - деп күлүп койду ал.

- Ээ байбиче ушунуңа шүгүр, эсиң бар да, тандап жүрүп кайнатамдын кызын алгамын да.

- Ооба десең, - деп кыткылыктап күлүп жатканда, Мелис кирип келип бөлмөсүнө өтүп кетти, экөө аны карап жылмая күлүп койду. Бактылуу үйбүлө ушул күнү эч нерседен капарсыз жалаң жакшылыкты ойлонуп, келечекте неберелүү болуп эркелетип отурганын элестетип жатышты. Бирок Айгеримди жигити албай үйдө отуруп калганда Мелисти милиция кармап кетип, мүңкүрөп калаары оюна да келген жок. Адам баласы кеткен күнүнө кейип, келе турганынан жакшылыкты гана күтөбүз.

Эртеси эрте туруп куурдак жасаган Айшакан Мелис тургандан кийин келининин үстүнө кирди. Жаткан ордунан тура калган Таңсулуу:

- Келиңиз апа, - деди уяла.

- Жата бер балам, кардың ачты го, кош бойлуу аял талгак болгондо ар кайсыны жегиси келет, мына муну жешиңче жеп алчы, - деди жанына келип тарелкадагы кызыл куурдакты сунуп, колу менен кашыкты карматып, - Кана жеп көрчү? - деди.

- Апа, тим эле койсоңуз болмок, рахмат, - деп тарелканы ала койду, - Анан жейм а-аа.

- Ма-акул, ачка жата бербе кызым, неберебиз дагы ачка болуп калбасын, - деп чыгып кетти.

- Болуптур, ичем, апа.

- Аш болсун кызым, - деп койду.

Таңсулуу кайненесине ыраазы болуп, жытын буруксутуп кууруган куурдакты алып жеп көрдү, көрсө бир нерсе жегиси келип турган экен: "Ширин экен", деп ойлоп алды да жеп кирди. Ушул убакта Мелис кирип келди, ал тарелканы беките калды.

- Эмнени катып жатасың?

- Эчтеке.

- Көрүп койдум.

- Эчтеке дейм, - күлүп артына бекиткенде Мелис аны көрүп алып:

- Ой кокуй десе, бекитпей эле жей бербейсиңби? - деди.

- Уялып кеттим.

- Менденби? - Мелис күлө сөөмөйү менен өзүн көрсөттү, - Менден уялсаң, тартиптүү аял болосуң го? - деп тамашалай күлдү, - Алтыным, мага бир сулуу, өзүңө окшогон кыз төрөп берчи.

- Койчу, мени тынч тамак жедирчи, - Таңсулуу эркелей сүйлөп, тамакты иче баштады.

Улам саатын карап, тынчы кеткен Мелистин абалын Таңсулуу байкабады, сезбеди. Кечке маал Мелис шаша чыгып кетти.

Кечке маал жумушунан кеч чыкты Жибек, айылдагы кийим тикчү цехте иштегенге иштери көп болуп, кеч чыккан эле. Күтүп турган Мелис аны машинага отургузуп алып зымырата жөнөдү. Анын үйүнө эмес башка жакка айдап баратканын байкаганда, Жибек:

- Сен кайда баратасың? - деди.

- Ал жакта дагы бирөө бар, ошону ала кетели, - деп эки айылдын ортосундагы ээн талаага жеткенде токтоду да машинадан түшүп, Жибек отурган жакты ачып, - Жибек, түшсөң, сүйлөшөлү, - деди.

- Эмнени сүйлөшөбүз? - Түшүп келип, маңдайына келди.

- Мына, минтип сүйлөшөм! - деп кулак түпкө уруп ийгенде Жибек жыгылып кетти, - Сен мага эмнеге асылып калдың? "Кыз зордуктады, Мирланды өлтүрдү" деп, милицияга кабар берген сенсиң!

- Мелис, мен чындыкты айткамын.

- Мына сага чындык, сен болбосоң мен Таңсулууга үйлөнмөк эмесмин, эми Адинай менен жүргөнүмдү ага айтасыңбы?! - деп тепкилеп кирди.

Жинденип тепкилеп жатып, ал кыймылдабай жатып калганда машинасын айдап кетип калды. Жолдо келе жатып үйүнө жеткени калганда токтотуп, көпкө ойлонуп анан ашканага кирип, пиво ичип көпкө отурду. Анан түндө үйүнө кызуу келди. Таңсулуу уктабай күтүп жаткан, анын мас болуп келгенин көрүп ирээнжип алды: "Бул эмнеге ичип жүрөт, кайгысы барбы же балалуу боло турганына кубанганыбы?" деп ойлонуп чечинбей жатып алган Мелистин кийимин чечиндирип, үстүн жаап койду да, өзү четке кыңкайып ойлонуп жатты. Эртең менен Мелис алаңдай эки жагын каранып ыргып турду. Сыртка чыгып келип кайра жатып алып ойлонуп жатты: "Өлдү бекен, эгер өлүп калса, эч ким билбей калмак, көргөн адам болгон жок, билинбей калаар", деп ойлонуп жатты. Таңсулуу аны түш болгон кезде:

- Мелис, турчу өйдө, түшкө чейин жатасыңбы, күндө эрте туруп, кызматка жөнөгөндөй жөнөчү элең го? - деп түрткүлөдү.

- Тим койчу, уктап алайын, - деп уйкусу келбесе деле көмкөрөсүнөн жаткан бойдон айтты, - Эмне эле мага асылып калдың?

- Эмнеге ичип келдиң?

- Койчу, башты оорутпай.

- Сураса эле башың ооруйбу?

- Ооба, тийбе мага, - деп бурк этти эле эшикти ачып Айшакан баш бакты.

- Мелис келдиби, кызым?

- Ооба, келген.

- Мынча кеч кайда жүрүптүр?

- Билбейм, апа.

- Сурабайсыңбы, балам.

- Айтпай жатат го?

- Бу кандай бала ыя, түндө эмне кылып жүрөт, - деп Мелистин үстүндөгү төшөктү тартып алды, - Ай бала, кайда бардың?

- Эч жакка.

- Эмнеге кеч калдың?

- Жөн эле, балдар менен…

- Атаң турсун, анан сүйлөшөбүз, туруп ашканага кир, - деп туруп жөнөгөндө Мелис башын көтөрүп:

- Апа, миң сом берчи? - деди.

- Эмне кыласың?

- Машинага май куям, бүгүн бир досум үйлөнөт экен, ошого керек, - деп калп айтты.

- Анан берем.

- Азыр керек, мени күтүп калышты.

- Бирдеме ичип албайсыңбы?

- Ичпейм, эртерээк барышым керек эле, - деп кийине баштады, - Апа, берип кое берчи эми.

- Болуптур, балдарыңдын алдында шагың сынбасын, эртерээк кел, макулбу? - Айшакан чыгып кетип кайра колуна акча кармап келди да, - Мына, этиет бол, кыз ала качабыз деп ичип алып машина айдаба, мейлиби?

- Макул апа, - деди да кабагын ачпай кийинип чыгып кетти. Таңсулууга караган да жок…

Жибек эси ооп бүткөн бою жанчылып калган, таңга маал эсине келип, кыймылдай албай онтоп жатты, болгон окуяны эстей албай жатты. Кайда жатканы өзүнө белгисиз, алдынан сыз өткөнүн сезип чыйрыккандай болду. Козголуп өйдө болмок болуп, шалак этип түштү, ошол бойдон кайра эси ооп жатып калды. Ошол бойдон эртеси түшкө жакын көзүн ачты. Ээн жерде жатканын көрүп, козголо албай сойлоп жөнөдү, чоң жолдон алыс эле, бүткөн боюнун сыздап ооруганына чыдабай солуп жатып калды. Улам-улам боору менен жылып жатып, кайра жатып калганда аны жолдон жөө өтүп келе жаткан эки бала көрүп калды. Сүйлөгөнгө акыбалы жок кызды жолдон тосуп жатып машина токтотушту да салып, районго ооруканага жеткирип коюшту. Адегенде өзүн айтууга чамасы жок кызды текшерип көргөндө бөйрөгү жаракат алып, үч кабыргасы сынып кеткен экен. Бети-башына да тийип шишип калган. Эс-учун билбеген кызды врачтар текшерип, бөйрөгүн операция жасаганга үлгүрүштү.

Мелис үч күн бою үйүнө келбеди, аны сураштырып досторунун эч кимиси үйлөнбөгөнүн билгенде, үйдөгүлөр катуу чочулашты. Туугандарынан сураштырды, эч жерде жок. Үчүнчү күн өтүп, төртүнчү күнү түндө келди, келип эле ата-энеси уктап жатканда бөлмөсүнө кирип, Таңсулуунун жанына жатып калды. Ал Жибектин өлгөн-өлбөгөнүн биле албай коркконунан айласын таппай жатты. Эртең менен Таңсулуу анын уктап жатканын көрүп унчуккан жок. Ал аз-аздап тамак ичип, кусканы басылып жумуш жасай коюп жүрдү. Бүгүн дагы эрте туруп, Мелиске жини келип: "Өлүп кеткир, көрүнгөн менен жүрүп уялбай кантип актанаар экен", деп ойлонуп, кетип калгысы да келди, бирок жылан чакпай, жылкы теппей кетип калганым туура эмес деп ойлоп, өзүн кармап турду. Ашканада жүргөн келинин көргөн Айшакан:

- Мелис келдиби? - деди.

- Келди.

- Кайда жүрүптүр, сурадыңбы деги?

- Жок, уктап жатат.

- Уктабай курусун, - деди да ал жаткан бөлмөгө кирип, ачуусу менен жуурканын тартып алды, - Мелис, Мелис дейм!

- Эмне болду, апа?

- Тур азыр, сени шашпа, - деп ачууланганда Мелис чүмкөнүп жатып алды.

Айшакан айласы кетип чыгып кетти, көптөн кийин Таңсулуу келип:

- Мелис, сени атам чакырып жатат, - деди.

- Эмне кылат экен?

- Кайдан билем, бол эрте.

- Азыр, - Мелис ушинтти да, ыңгырана ордунан туруп, кийинип алып, чыгып келди.

Жолдошбек уулун сын көз менен карап турду да жай, токтоо үн катты:

- Кайда жүрдүң?

- Райондо, дос бала үйлөнүп, жардам берип келе албай жаттым, - Жер карап үңкүйө жооп берди.

- Кайсы досуң?

- Сиз билбейсиз да.

- Болуптур, мындан ары эч жакка чыкпайсың, жумушуң калып жаткан жок, кетсең дайныңды айтып анан кетесиң, келе машинанын ачкычын, - деди колун сунуп.

- Азыр, ал үйдө.

- Алып кел, адисиңен ашып баратасың, кылган ишиң жок эле талаада жүрө бергениң кандай ыя? Мурда го мейли, эми сен үйбүлөлүү кишисиң, сени аялың күтөт, дайынсыз жүрүп алганың болбойт.

- Балам, дайының жок жүрүп алсаң, биз сары-санаа болот экенбиз да, - Айшакан чыкты бир жагынан, - Сен эми жаш эмессиң, балалуу болосуңар, жашоону үйрөнгүн, мурда го бойдок элең.

- Болуптур, эч жакка барбайм, - деп Мелис ордунан туруп кетмек болгондо Айшакан:

- Отур, тамак даяр болуп калды, ичип ал, - деди.

- Эмне биздин маңдайыбызга отурбай калгансың, мындай эмес элең го? - Жолдошбек анын жүзүнө тигилди, - Кебетең кантет, жүдөп кеткенсиң го?

- Жүдөгөн деле жокмун, - Мелис ата-энесинин алмак-салмак териштиргенине жини келип турду. Бирок унчуга албай зорго отурду. Таңсулуу тамагын алып келип, ортого койгондо: - Жуунуп келейин, - деп туруп кетип, жуунуп кайра келип отурду.

Үндөбөй отуруп тамактанып болгондон кийин Мелис бөлмөсүнө чыгып кетти, Таңсулуу идиш-аягын чогултуп, ашканага чыгып өз иши менен алек болуп жүрүп да жини келип жатты: "Калп айтып жатат, эгер бир сөз уксам ушул жерде турбайм", деп ойлоно берди. Мелистин жаны жай албай бир жакка кетип калмак болгону менен кайда бараарын билбей башы катты.

- Балаңдын кейпи жаман, соо эмес го? - деди Жолдошбек өздөрүнчө калгандан кийин.

- Уйкудан калып балдар менен ичсе керек, ошонукудур. Кам санабай эле койчу, өзүңө карачы, ойлонуп ооруп каласың.

- Ушунуку өттү го, Осмонбек болсо келбес болуп кетти, булардын азабы мага оңойго турган жок эле, кысталактар десе, мени өлтүрүп тынышат го?

- Койсоң эми, тынчтанчы бай болгур, эми эч жакка кетпейт, - деп Айшакан күйпөлөктөй ордунан туруп башка бөлмөгө чыгып баратканда Айгерим көрүндү.

Ал атасы менен өбүшүп коюп өз бөлмөсүнө шашыла кирип кетти. Аны көргөн атанын дагы жүрөгү сыйрыла: "Бул кыздын кебетеси кантет, бала салган чебичтей болуп калган го", деп ойлоп алды: "Тезинен күйөөгө бериш керек, болбосо муну таппай калбайлы, бузулуп кетип жүрбөсүн", деп ичинен сызып ойлуу отура берди. Айшакан өзүнчө убайымга батып жатты, Айгеримдин келгенин көрүп анын бөлмөсүнө кирди.

- Кызым, эмне болду, сүйлөштүңбү Аскат менен?

- Жок.

- Анан эмне кылып жүрдүң, ыя?

- Жүрдүм да, эмне кыл дейсиңер, өзүм да кыйналып бүттүм, анча эмнеге шашасыңар? - Айгерим ыйлап жиберди:

- Сени мен кыйнап жатамбы, өзүңдү-өзүң кыйнап жатасың, мени бул кебетең менен өлтүрөсүң го? - Айшакан үнүн пас чыгара ачууланып жатты, - Атаң болсо оорукчан болуп калды, эгер бирдеме болсо ажалынан мурун өлүп калып жүрбөсүн, эртерээк бир жаңсыл кыл, - деди.

- Эртерээк-эртерээк, бол дейсиңер, ушундан көрө өлгөнүм жакшы эле, силердин сөзүңөрдөн, баарынан кутулмакмын.

- Элге өзүңдү да, бизди да шерменде кылгыча өлө бер, андай боло турган болсо жакшылап кармабайт белең ыя, аңды-дөңдү карабай жүргөнүңдүн азабын өзүң тарт, намысыңды алдырып эмнеге басып жүрөсүң ыя!

- Өлсө өлүп калам, ушундан көрө өлгөнүм эле жакшы, - деп көмкөрөсүнөн түшүп жатып алды да ыйлап жатты.

Аны көрүп зээни кейиген Айшакан жанына отуруп оор үшкүрүп алып:

- Кызым, өйдө болчу, кеңешели, - деди.

- Эмнени, эмнени сүйлөшөсүңөр? - турбай сураган менен ыйлап жатты.

- Ыйлаба, андан көрө акылыңды жыйып мени кара, кеңешели, Аскатка жолуга албадыңбы, ачыгын айтчы.

- Жолуктум, - деп буруя айтты Айгерим, - Ал азыр ала албайм шартым жок дейт.

- Анда, мага анын дарегин, апасынын атын билип бер, өзүм бүтүрөм.

- Эмне, "кызымды ал" деп барасыңбы? - Кыз энесин алая карап калды.

- Барам, эмнеге барбайт экенмин? Эгер баш тартса милицияга берип каматам деп коркутамын.

- Апа…

- Эмне, ошондон уялып жатасыңбы, артыңды ойлобой күндөп-түндөп жүрүп, боозугандан уялбай.

- Апасы эмне деп ойлойт?

- Апасы эмне дейт деп уяласыңбы, эгер антип уялсаң тынч жүрбөйт белең? Эгер антпесек бүт эл угат, жумурай журтка шерменде болобуз, бир гана жол ушул! - деди Айшакан.

Айгерим унчукпай соолуктап жатып дарегин айтып берди. Ошол күнү кечинде Айшакан күүгүмдө чыгып такси айдап жүргөн балага барып сүйлөштү да түшүп жөнөп кетти. Кеч келген бейтааныш аялды көргөн Аскаттын апасы Атыр чоочуркай карады.

- Келгиле…

- Келдим эже, сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле?

- Мейли, кир үйгө.

- Үйүңүздө ашыкча киши жокпу?

- Уулум экөөбүз элебиз, кире бергиле.

- Жакшы экен, - Айшакан эшикти аттап киргенде эле үйдүн жупунулугун байкады, канчалык жупуну болгон менен таза, жыйнактуу экен, Атыр дагы жоош-момун экени көрүнүп турат.

- Келген экенсиз? - деген Атыр Аскатка карады, ал Айшаканды таанычу эмес, - Сен чыга турасыңбы, балам?

- Жок, бул Аскатпы?

- Ооба.

- Анда сүйлөшөлү, эч жакка чыкпай отур! - деди Айшакан бир аз сөз баштоодон тайсалдана, - Сөз мындай… - Айшакан алар менен көпкө сүйлөштү, болгонун болгондой кылып айтып келип, - Эгерде баш тартсаңар өзүм киришемин дагы милицияга беремин, эртең мага барып жолуккула, бүгүн кеңешип чечкиле! - деди да ордунан туруп кетти.

Аскат менен Атыр үнсүз гана бири-бирин карап көпкө отурушту, анан акыл-эсин жыйнаган Атыр:

- Ушул чынбы? - деди Аскатты карап.

- Апа, жалган мунун баары, мен эмесмин, ал мени жалгандан эле кармап жатат.

- Эмне кылмакпыз?

- Эчтеке, камалса камай берсин!

- Акылы жок десе, алардын таанышы толтура, бекерде бейкүнөө камалып кетесиң, ойлон балам. Азыркы убак колунда барлардыкы, экөөбүздүн колубуздан эчтеке келбейт.

- Анан эмне кылышыбыз керек? - Апасын элейе карады.

- Мындай кылалы, кандай кылсаң дагы кызды үйгө алып келишиң керек.

- Кантип, эч кандай даярдыгыбыз жок элеби?

- Даярдыктын эмне кереги бар, башыңды аман алып калышың керек, эч кимге оозуңдан чыгарбай эле үйлөнүп жатам деп кой, мен алымдын жетишинче даярдык көрөйүн, таяке-таежелериңди чакыралы, туугандар бар, кудайга шүгүр жөн турбас.

Атыр ушинтти да Аскатты таң эрте ини-сиңдилерине жөнөтүп, өзү туугандарын кыдырды. Эптеп эле уулун балээден сактамак болду. Анын сөзүн уккан туугандары таңданып алардын үйүнө чогулушту.

- Ошол, иниңер үйлөнөм дейт, бизге мына ушундайда силер гана жөлөк болосуңар, ишенгенибиз дагы силер, эртең келинди киргизебиз, - деди Атыр ашыкча сөз айтпай.

- Жакшы, Аскат үйлөнөм десе биз карап турмак белек, жардамыбызды аябайбыз, - деди Аскаттын атасы менен бир туугандын баласы күпүлдөп.

- Ооба, жардам бербей анан, кана кандай жардам керек? - дешип өз ойлорун айтып жатты.

- Эми мындай, колубуз жука, колубузда эчтеке жок, эптеп жашап жатабыз. Аскат ошондон дагы батына албай жатат, келин эртең келет, бүгүндөн баштап даярдыкты көрөлү, жардамыңарга биз муктажбыз, - деп Атыр айтканда алар дароо эле өздөрүнүн бере турган жардамын айтып кайра келе турган болуп тарашты.

Аңгыча сиңдиси менен иниси да келип калды.

- Эмне болуп кетти, шашылыш эле эмнеге келин алганы калдың, эже? - деди иниси Бекболу учурашкандан кийин.

- Алса алсын, Аскат эмне жыйырма бешке чыгып калбадыбы, мындайлар эки-үч балалуу болуп калышты, - деп сиңдиси Гүлжамал күлүп калды.

Атыр алар отургандан кийин эч ким укпасын дегендей кылып акырын болгонун айтып берди да:

- Ушундай, Аскаттын өзүнүн кылган иши экен, колдо жогунан тартынганбы, алуудан баш тартыптыр, - деди.

- Кой анда, алып бериш керек. Ыя эже, үйүңдү аябай тазалап, жасаш керек экен, - деди Гүлжамал.

Иниси да анын сөзүнө кошулуп дароо үйлөрүнө кетип, килем паластарын, айнек-эшик пардаларды алып келе калышты. Туугандары каптаган ун, кой-эчки жетелеп келип, заматта азан-казан түшө боорсок бышырып, Атыр келинге бир сыйра кийим дайындап жатты. Аскат болсо түштөн кийин Жолдошбектин үйүнө келип Айгеримди чакыртып алып сүйлөшүп турушту:

- Айгерим, эртең сени үйгө алып кетмек болдум, - деп жер карады ал.

- Анан, жашап кете алабызбы?

- Эмнеге, жашап кетебиз.

- Кечээ эле мага эмне деп айттың эле?

- Эми боло берет андай, мен колдо жогун айттым го?

- Макул, сен алып бардың дейли, "апаңдын күчү менен алдым, болбосо үйлөнмөк эмесмин" деп айтасыңбы?

- Жо-ок Айгерим, андай болбойт, апама айткандан коркуп жатпадымбы? - деп күнөөлүүдөй жер карады.

Бирок ичинде: "Энеңди, көрүнгөн менен жүрүп акыры мага жармаштың, камалып кеткенче алып турайын, анан сенин атаңды таанытам", деген ойдо турду.

- Аскат, башында сүйөм деп мени кыз атымдан жаңылткан өзүң эмес белең, же жалганбы? - деп Айгерим ички оюн окуп койгондой айтканда кайсалактай түштү:

- Ооба, дагы эле сүйөм, сени сүйгөнүм чын, жалгыз апамды аяп, колдо жогунан эле качып жүрбөдүмбү?

- Үйүндө төрөсүн, атасынын төрүндө төрөп алып жашай берсин дедиңби? - Айгерим аны бир сүйлөтпөй, жиндене болгонун айтып жатты, - Апам айта берет, менин башка менен жүргөнүмдү ошол сотто далилде, догурунуп сенин үйүңө баралбайм!

- Койчу эми Айгерим, мени кечирип кой, үйдөгүлөр даярдык көрүп жатат, эртең саат ондо үйдөн чыксаң мен машина менен келип алып кетем, ачууңду келтирбечи эми.

- Болуптур, мен сага үч шарт менен барам: сен мага: "Мен Айгеримди сүйөм, бала өзүмдүкү", деп жазып бересиң, экинчиден, апамдын үйүңөргө барганын оозуңардан чыгарбайсыңар, үчүнчү, мени менен шаарга кетесиң!

- Экөөнө даярмын, бирок мен апамды таштап кете албайм, анткени мен жалгыз баламын, апам жалгыз калат, - деди Аскат зорго, - Ушуну кой, мен эки талабыңды сөзсүз аткарам, - деп кызды карады, - Сен деле ата-энеңди аяйсың да, туурабы?

- Маакул, аныңа макул, энени сыйлабай кое албайм, - деп Айгерим Аскатты жылмая карап койду, - Кана сөзүң бүттүбү? - деди.

- Сүйлөштүк, эртең келем, көрүшкөнчө, - Аскат колун көтөрүп коюп жөнөй берди. Айгерим үйгө жүгүрүп кирди да апасын кучактап өпкүлөп кирди. Жолдошбек кайдадыр кеткен болчу.

- Апа, апакебай, сага рахмат!

- Эмне болду, кызым? - Айшакан Айгеримди күлүмсүрөй карады, - Тынччылыкпы?

- Эң сонун кабар, апа!

- Айта гой, кубанычыңа кошулам.

- Аскат мени эртең алып кетмек болду!

- Куттуктайм кызым, бактылуу бол! - дегенде Таңсулуу аркы бөлмөдөн угуп калды.

Мелис дагы эле турбай жатып алган: "Аскатка чыгат тура, колунда жок, эптеп эле жашашчу эмес беле, ага кантип беришет, атам укса эмне дээр экен же балдарынын багын ойлоп ою менен болобу?" деп ойлонуп алды. Аскат Таңсулуунун классташы, экөө он жыл бирге окуган эле. Ойлуу аларды тыңшагысы же кирип барып сөздөрүн бузгусу келбей бөлмөсүнө кирип кетти. Аябай куурдак жегиси келген, кайненесинин жасаган куурдагын ойлоп жасап жемек болду эле, ашканага кире албай койду. Жолдошбек түш оогондо келди, келип эле аялына карап:

- Байбиче, камына бер, Айкага куда түшкөнү келишет, - деди отуруп жатып, - Айкамды жакшы жерге узатып алсак көңүл тынып калат эле, анан эки жаман чоңойгуча дагы көп бар, алар чоң атасыныкынан келгиси келбей калды го?

- Жоке, кимдер экен ал куда болчулар? - деп сурады Айшакан сыр билгизбей.

- Бектемир досум. Башынан кебибиз бар, эми келинди алсак дейт, бүгүн кеч келишет, Мелисти жиберип союш алдырып келели, - деп Жолдошбек ооруган бутун ушалай кетти, - Ал дагы эле уктап жатабы?

- Ооба, турат да эми.

- Тургуз, машина менен барып союш алып, атам менен апамды ала келсин.

- Мейли, - деп Айкеримди карап: "унчукпа", дегендей баш чайкады Жолдошбекке байкатпай.

- Айгерим, кийинип койкоюп отур кызым, күйөө болчу жигит жагат сага, көрөсүң го? - деп күлмүңдөп койду.

- Айка, барып Мелис менен жеңеңди чакырчы, кызым.

Айшакан аны алаксыта жумшап ийди, болбосо бир сөз чыгып кетүүсү мүмкүн эле. Айгерим Аскат алып кетем дегенден кийин атасына башканы сүйөөрүн айтам деп камданып калган, ал тургай: "колунда жок деп чанбагыла, мен өзүм кааладым ошону", демек. Ошонусун сезген эне жүрөгү болк эте кызынын артынан өзү да кошо басты:

- Ай кыз, оозуңду тыя тур, атаңдын ачуусуна тийсең анын сырын билесиң го, баарыбызды сапырат, анан ачыкка чыкса эмне болоорун билесиңби?

- Мейли апа, анан эмне болот, баары бир тынч койбойт го, алып кеткен күндө дагы кайра алып баса берсе кантет?

- Ал жагын мага кой!

- Макул, - деген Айгерим Мелистин бөлмөсүнө кирди да:

- Силерди чакырып жатат, - деди.

- Азыр барабыз, бара бер! - деп бурк этип койду Мелис.

Айгерим чыгып кеткенден кийин Таңсулуу:

- Бүгүн Айгеримге куда түшүп келишет экен, - деди.

- Кимдер?

- Кайдан билем, атамдын досу болсо керек.

- Жинди! - деп алды Мелис, анткени ал Айгеримдин Аскат менен жүргөнүн уккан. Аскат менен өзү жакшы мамиледе болчу, кээде жолукканда: "Көзүңдү ачып жүр, күйөө бала", деп калчу, ошолорду ойлонуп алып, - Папашанын чечими бекен? - деди.

- Ошондой го?

- Айгерим унчуккан жокпу?

- Жок.

- Жинди болгон неме го? - деп унчукпай калды: "Балким Аскатты Айгерим сүйбөсө керек, Аскат жакшы бала, өздөрү билсинчи", деп тура жөнөдү.

Жолдошбек уул-келини менен кызы болуп чогуу отургандан кийин сөз баштады:

- Мына балдарым, чоңоет деген ушул, сен үйлөндүң кудайга шүгүр, келиним ойдогудай болду, эми карындашыңды жакшы жерге узатып алсак апаң экөөбүз көөнүбүз тынып эс ала түшөлү, бүгүн үйгө коноктор келет, атамдарга барып союш алып экөөнү тең ала кел.

- А кимдер куда түшүп келет? - деп сурап калды Мелис кызыга, - Айгеримге күйөө жагабы?

- Жакпагандачы, бакандай болгон врач болот, кызым койкойгон келин болот, - деп Жолдошбек бакылдады.

- Ата, - деди Мелис, - Азыркы жаштар сиз каалаганды каалабайт, Айканы кыйнап койбойсузбу, анын дагы оюн укпайсызбы?

- Бу сен бала, муну менен эмнени айткың келип турат? - Жолдошбек ормое карады, - Силер ошончо эле акылдуу болуп кеттиңерби? Мен айттымбы, болду! Илгертен кызды ата-эне жакшы болсун дейт, бактысын тилейт, көп башты оорутпай айтканды кыл да чоң атаңа бар!

- Өзүңүз билиңиз, мен кеттим.

Мелис туруп чыгып кетти. Айгерим эчтеке дебей отуруп апасын карады эле ал оозун кымтыды. Үнсүз отурушту, көптөн кийин гана Жолдошбек кызына карады, унчукпай көзү менен теше тиктегенде ал көзүн ылдый түшүрдү. Айшакандын жүрөгү оозуна кептеле тамагын кыра жөтөлүмүш болуп калды.

- Айка, сүйлөшкөн жигитиң барбы? - деди акырын Жолдошбек.

- Мм…

- Эмне такаласың, айт айта бер ачыгыңды, угуп көрөйүн, болсо кайдан, кандай жерден, сени бактылуу кыла алабы?

- Ата, менин жигитим бар, болгону жалгыз бала, апасы экөө эле жашайт, - деди Айгерим ачык айтууга аргасыз боло.

- Кайдан?

- Ушул айылдан.

- Кандай жашашат?

- Алынча…

- Түшүнүктүү… - Жолдошбек ойлонуп отуруп калды, анан бир жерди теше тиктеп отуруп, - өзүң жакшы көрөсүңбү? - деди.

- Ата, сүйлөшүп жүрөбүз…

- Кызым ай, баласыңар да, ишти бүлүндүрөсүңөр да, эмнеге мынчалык жеңил болосуңар, сүйүү ичериңе аш, кийериңе кийим болуп береби?

- Ата, сиз мени түшүнбөйсүзбү? - Айгеримдин көздөрүнө жаш кылгыра түштү, - Мен Аскатка эле турмушка чыгам!

- Ата-а балдарым ай!!! - деп Жолдошбек күрсүнө ордунан козголо ары-бери карап алапайын таппай турду.

Урушайын дейт, жападан жалгыз кызынын көз жашын агызгысы келбейт, тим коеюн десе баласы дагы аргасыздан куда болбоочу жерге илингенине ачуусу келип: "Эми мунусу дагы томоякты таап алган тура", деп эмне кылаарын билбей турду.

- Жоке, көп эле ойлонуп кыжаалат боло бербе, өз таалайынан көрсүн, биздин айтканга көнмөк беле, жаштардын өз оюна койбосок болбойт, - деп Айшакан айтканда баятан бери ачуусун чыгара албай турган Жолдошбек жарылып кетти.

- Ушунун баары сенин кенебестигиңден болуп жатат, балдардын тарбиясына көз салбай оюна коюп, эмне кылып жатканы менен ишиң да болгон эмес, эми мага акыл айтып отурасың! - деди столду бир муштап, - Жетет сенин мага акыл айтканың! бүгүн куда түшчүлөрдү эч кандай сыр билгизбей тосолу, андан кийин көрөбүз! - деди да туруп кетти, - Уктуңарбу? - деп кайрыла карап бакылдады.

- Уктук, - деди Айшакан пас гана үн чыгарып.

- Анда камыңарды көрө бергиле!

Алардын үйбүлөлүк ынтымагы ушуну менен ыдырагандай үй ичинде тынчтык, тунжуроо өкүм сүрдү…

Жибек бир жума дегенде зорго эсине келди, бөйрөгүнүн бирин алдырып алсыз жатты. Ата-энеси анын жатканын билбей бир жума бою издебеген жери, сурап барбаган адамы калган жок. Ооруканада жатканын билгенде гана жетип келишти. Алсыз кызын көргөн энеси ыйлап жиберди.

- Кагылайыным десе, эмне болуп кетти сага?

- Эчтеке, апа, - Жибек айткысы келбей көзүн жума жатып алды, - Ыйлабаңызчы, мен тирүүмүн го?

- Кана айтчы кызым, эмне болду, чындыкты айтып бер бизге, сени бул акыбалга алып келген ким? - деп атасы бир жактан сурады.

Жибек эч нерсе айткысы келбеди: "Алардын таянган тоосу бар, баары бир басып коет, куткарып алат, андан көрө мен ага өзүм көрсөтмүн, өч аламын андан", деп ойлоп жатты ичинен.

- Эмнеге айтпайсың балам, кимден коркосуң? Милицияга берип коелу, ачыгыңды айтсаң боло, ооруну жашырсаң өлүм ашкере дейт, - деди апасы Күмүш.

- Апа дейм, мени кыйнабагылачы.

Жибек ушинткенде сестра кирип келди:

- Сиздер көп эле кыйнап сүйлөшпөгүлө, мунун башынан да жаракат алган, абдан айыккыча кое туруңуздар, врач уруксат бербей жатат, бара бериңиздер, - деди укол салчу ийнелерин даярдап жатып.

- Макул айланайын.

Күмүш менен Садык чыгып баратканда, сестра аларга:

- Башкы врачка жолуга кетсеңиздер, - деди.

Алар башкы врачтын бөлмөсүнө киргенде илбериңки жаш жигит аларды жакшы тосуп алды.

- Келиңиздер, кызыңыздар жакшы болуп калды, оор абалда келген, убагында келбегенде ким билет. Кудайга шүгүр, эптеп алып калдык, - деп Аргенбек Сапарович аларга алакан жая карады, - Үч кабыргасы сынган, бөйрөгү жарабай калган, башка доо кеткен, иши кылып дагы дары-дармектин жардамы, өз ишин жакшы билген дарыгерлерибиздин билгичтигинен жакшы болуп баратат, эгер убагында жардам берилбесе ким билет?

- Кудай жалгасын айланайын, колуңар дарт көрбөсүн, - Күмүш алкап жатты.

- Рахмат балдарым, - деп Садык да үмүттүү караганда Аргенбек Сапарович:

- Эми өзүңүздөр билесиздер, бизге дары-дармек жетишсиз, кеткен чыгымдардын баарын карыз алганбыз, антпесек адам өмүрү кыл учунда болчу, - деди да, - Келгенден беркисин төлөп коюңуздар кассага, - деп аларды карады.

- Мейли айланайын, бүгүн жөн эле келе бергенбиз, эмки келгенде төлөйбүз, эмне болуп кеткенине түшүнбөй да калбадыкпы?

- Ооба-ооба, балам, бербей анан, силердин дагы колуңарды куру койбойбуз, - деди.

- Макул, сиздер бизди туура түшүнүңүздөр.

- Түшүнөбүз балам, буйруса эки күндө келип калабыз.

- Жакшы барыңыздар, - деп коштошушту.

Жибек болсо аябай ойлонуп жатты, ошол күндү эстеп алып көзүн жумуп алды: "Тобо-о, булар чын эле канкорлор экен да, дагы жакшы тирүү калыпмын, кокус өлүп калсам эмне болот эле", деп ойлонуп жатып уктап кетти.

Мелис айыл ичинен жаңылык укпаган соң: "Аны эч ким көрбөй ит куш жеп кетти бекен, ата-энеси эмне кылып жатат болду экен? Эгер өлбөсө бир жумадан бери дайыны чыгат эле", деп ойлонуп чоң атасы Кулматтын айылын көздөй кетип жатты. Отуз чакырым жерди басып өтүп Кулматтын үйүнө жетип келди.

- Ассалоому алейкум, чоң ата!

- Аллейки салам, кел жигит, - деп койду Кулмат карыя небересин жылуу жүз менен карап, - Келипсиң?

- Келдим чоң ата, сиздерди чакырып жатат, жакшы семиз союш ала келсин дейт, - деди ал.

Ошол убакта Алтынай чыга калып небересин көрүп:

- Оо кагылайын каралдым, - деди аны кучактап жүзүнөн сүйө, - Атаңар жакшы жатабы, келин жакшыбы, айланайын?

- Жакшы чоң эне, баары жакшы.

- Кир, кире гой.

- Азыр, андан көрө Эрнис менен Эмлис кайда жүрөт?

- Алар достору менен ойноп жүрөт.

- Анда аларды чакырайын, - деп короодон чыгып жолдо ойноп жүргөн инилерин чакырды, алар жүгүрүп келди.

Сүйлөшүп туруп анан бат эле керектүүсүн ала жолго чыгышты. Алар келгенде коноктор келип калган эле. Бакылдашып отурушканда Айшакан Жолдошбекти акырын ымдай чакырды. Жолдошбек чыгып келип ата-энесине учурашып анан:

- Үйгө киргиле, силер турганда мен киммин? - деп үйгө киргизип өзү союшту даярдаганга киши чакырганга Мелисти жөнөттү.

Айгерим күйөө болчу жигитти көргөн менен ага ичи жылыбады. Балким, Аскатты сүйүп, берилгендиктенби, же өзүнүн алданып калганынан ичиндеги түйүлдүк тоскоол болдубу, айтор тике карап койбоду. Бектемир менен аялы Шуруга кыз жагып калды, ал эми күйөө болчу жигит болсо дароо эле сүйүп калгандай болду. Конокторду сыйлап эки жаштын бактысы үчүн койкойгон коньяктар ичилип дуулдап жатышты.

- Жоке, мына сен экөөбүз жаш кезде эле бири-бирибизге убада бергенбиз, балдар чоңойду, буйруса эми кучакташып куда болуу гана калды, - деп Бектемир керсейе сүйлөп жатты, - Мына биздин аксакалыбыз, атабыз отурат, эми ушул киши оюбузга кандай көз карашын айтсын.

- Ооба, атабыз турганда биздин озунганыбыз болбойт, - деди Жолдошбек.

- Айланайын балдарым, эми өзүңөр теңтушсуңар, жакшы оюңар бар экен. Менин оюм, силер туура кылып жатасыңар, бирок балдар бири-бирин жактырышабы, ушуну да эске алгыла, - деп Кулмат Жолдошбекти караганда ал көзүн атасынан ала качты, - Силердин заман башка болчу, азыр башка убак, жаштардын оюн угуп, аларга жакшылап сүйлөшүп көрүүгө мүмкүнчүлүк бергиле, - деди Кулмат карыя.

- Сиздин сөзүңүз жүйөөлүү болду, туура айтасыз, адегенде эки баланы сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берели, - деди Шуру.

Ошентип ары-тартып, бери тартышып жатып, бир сөзгө келишти. Койдун эти желип, коноктор түн ортосунда үйлөрүнө кайтышты. Жолдошбек күдүк ойдо чийки май жегендей болуп жатты. Бектемирлер кеткенден кийин дагы көпкө сүйлөшүштү. Кулмат карыя баласына көп сөз айтты. Жолдошбек көп да сүйлөбөдү, ичинен сызып отурду, анын бул абалын көрүп Айшакан лам дебеди. Унчукпай кайната-кайненесин сыйлап эки уулун эркелетип коюп отура берди.

Эртеси эрте турган Айгерим сыр билгизбей жуунуп тазаланып кийинди да эч кимисине көрүнбөй чыгып кетти. Аны эртелеп турган Алтынай гана байкады:

- Кайда жөнөдүң, кызым? - деди ал ага.

- Жумуш бар, чоң эне.

- Жайыраак барсаң болбойбу?

- Жок чоң эне, эрте барышым керек.

- Аа-а бара гой секелегим, биз кайра эле кетебиз, жакшы жүр ээ?

- Жакшы баргыла, - деди да, Айгерим чыгып кетти.

Ал абдан эрте чыгып курбусу Албинага барды, аны үйүнө кирип өзү ойготту. Көзүн уйкудан жаңы ачкан Албина аны көрүп таң калып турду.

- Сага эмне болду мынчалык, аябай эрте чыгыпсың го?

- Ошондой болуп калды Албина. Атам кечээ мени бирөөгө кудалап койду, а бүгүн мени Аскат алып кетмек.

- Чынбы?

- Ооба, эгер атам ойгонсо мени чыгармак эмес, ал каршы болуп жатат, эмне кылаарымды билбейм. Эгер Аскаттын жашоосун көрсө мени алып кетип калабы деп корком.

- Аскат чын эле сени алып кетем десе алып кетет, алардын да туугандары бар чыгар, өзүң деле кетпейм деп койсоң эмне кылып алмак эле? - деген Албина тийишип жатты.

- Сен мени менен болосуңбу?

- Макул.

- Рахмат курбум, азыр мен аябай жаман болуп турам, эмне кылаарымды билбейм, атам кайра ооруп калабы деп да корком.

- Коркпо, жөн эле корко бербе да. Аскатты сүйсөң эч нерседен коркпо, атаң деле түшүнөт да, - Албина курбусуна жүрөгү ооруп, ичи ачыша карады, - Аскат өзү үйлөнөм дедиби?

- Ооба, - деген Айгерим сөзгө такала түштү, - Кечээ келип бүгүн алып кетем деген.

- Жакшы болот, мен сени менен болом, эгер ала качпаса атаң бербейт да, туурабы?

- Ооба да, ал каршы чыгып жатпайбы, болбосо башкача болот эле да, анан өзүң билесиң, менин… - Айгерим ыйлап ийди, - эч ойлонбой жүрө бериптирмин, андай болбосом дагы атама тике айтып көз көрүнө качып кетет элем.

- Кой капаланба, негизгиси Аскат мойнуна алганы жакшы болуптур…

- Ал апасынан коркуп аткан да, колунда болбосо "аял алам деп кантип айтам?" деп жүрүп ал деле кыйналды. Көрсө тарбиясы дагы ошондой экен, жалгыз бала болуп энеси менен кеңешип иш кылганга көнүптүр.

- Макул эми, жүрү чай ичип алалы, анан каерден күтөбүз Аскатты? - деди Албина.

- Үйдүн жанына келет.

- Аа-а, жүрү чай ичип алалы.

Экөө ашканасына чыкты. Албинанын ата-энеси ошол күнү үйдө жок болчу. Алар кардын тойгузуп алып анан жолго чыгып келе жатканда эле машина менен келе жаткан Аскат көрө калып токтото койду, үч-төрт бала менен жүргөн Аскат түшө калды. эки кыз токтоп аны менен сүйлөшүп калышканда бир аз ичип алган балдар:

- Кана Аска-ат, көтөр Айгеримди!

- Бо-ол кеттик!

- Азаматсың Аскат! - деп машинадан башын чыгарып кыйкырып жатышты.

Ошондо Албина күлүп:

- Айгерим, качтык! - деди аны колдон алып сүйрөгөндө ал эчтеке түшүнбөй жүгүрүп жөнөдү эле балдар түшүп аларга жетип Айгеримди кармап машинага сүйрөп келип салышты. Албина тамашалап күлүп жатты, - Айгерим, такыр түшпөй кыйнабайт белең?

- Билбей калдым өзүм дагы эмне кылаарымды, эмне кылышым керек эле? - Айгерим ыңгайсыз абалда жүзү кызара курбусуна карады.

- Аскатты сүйөт да Айгерим, ошонусу үчүн унчукпай калды, көрдүңбү сүйүүнүн күчүн? - дешип машинаны зуулдата айдап үйгө карай жөнөштү.

Айгеримдин жүрөгү лакылдап кызык абалда болуп жатты. Улам Аскатты карап коюп баратты. Оюнун аягына чыккыча машина келинди күтүп жаткан үйгө жете келди.

- Оо-ой келин келди!

- Болгула, келинди алып келип калды!

- Чачыланы алып чыккыла! - дешип машина токтоору менен тегеректеп калышты.

Атыр эч кимисине айтпай чын дили менен: "Күндө келин алып жаттым беле, баламдын каалап-сүйгөн кызын алып жатканына шүгүр", деп ойлоп жетине албай табак толтура боорсок менен конфет алып келип:

- Ырыс кешиктүү, ак жолтой келин бол! - деп элди көздөй келиндин үстүнө чачып жатты.

Калган аялдар келинди жетелеп үйгө алып кирип көшөгөгө киргизип, арналган аппак жоолук салып, көйнөгүн кийгизип бака-шака түшүп жатты. Айгерим Аскатка ичинен ыраазы болуп турду.

- "Түзү ийгиден түңүлбө" деген айланайын, бактылуу болгула.

- Ылайым кармашкан колуңар ажырабасын.

- Аскат кыздын сулуусун тандаптыр, ылайым эле жалгыз бечара аман болуп бактылуу жашашсын, - дешип ар кимиси ар кайсыны сүйлөп жатты.

Атырга дагы келининин өңдүү-түстүүлүгү жагып калды. Арыдан бери улак чаап уул-келинге садага чабышып, бакылдашып, келген келиндин урматына деп өздөрүнчө жыргап жатышты, ал эми Аскаттын достору Айгерим отурган бөлмөдө, бойдоктору да үйлөнгөндөрү да күпүлдөп аларга бак-таалай каалап жатышты. Атыр болсо келин алганга кубанып этеги элеп-желеп болуп жүрүп бир нерсени унуткарганын эми эстеп Аскатты чакырды:

- Балам, эсиме жара чыккан тура, кудаларга киши жөнөтпөсөк болбойт. Эмне кылайын, канча акча алып барсың?

- Апа, канча акчаң бар? Аларга биздин көп деген акчабыз арзыбайт дагы, жөн эле жөнөтүп коюңуз.

- Кокуй балам, ырымын кылып коелу жок дегенде, беш миң сомду туугандар чогултуп келиптир, тиги торпокту кошуп жеңетай тоюн берип койбосоң болбойт да.

- Өзүңүз билиңизчи, апа, - деди Аскат жер карай.

- Тиги таекең менен акеңди жөнөтөйүнбү?

- Сиз билесиз да?

- Мейли садага, сөз билээр адамдардан жөнөтөйүн, - деп инисин чакырып, - Сени менен тиги кайним Аксакал экөөңөр барып келгиле, жалгыз уйдун торпогу менен беш миң сом бар, - деди.

- Ой эже, эки кишини эмне кыласыз, алып барганыбызга жараша болсун, ошол Аксакал эле барсын.

- Мейли анда, ошону чакырып койчу, ичип тоюп албады бекен?

- Ичсе азыраак ичкендир эже, азыр чакырып чыгайын, - деп Бекболу кирип Аксакалды чакырып чыкты.

- Ой бала, эми сен кудага барып кел, берээрим аз эле, ошентсе дагы ырымын кылып коелу.

- Мейли жеңе, канча акчаң бар?

- - Беш миң, бир торпок.

- Ом э-эй, - деди Аксакал, - Аз го?

- Болгону ошол, кызынын тынаарын ойлошсо кабыл алат, - деди Атыр, - Болгонун берем да?

- Жеңе, мунуң болбойт, менде бир тай бар, ошону ал, торпогуңду сатып акчасын кош, антпесек болбойт.

- Сенин тайыңды кайдан таап берем, ушул болгонун алып бара бер, - Атыр болбой койду эле ал дагы туруп алды.

- Мейли, Аскатка бергеним болсун. Аскатты жиберип алдыр дагы, торпокту жеткирип койгула, акчасын мен берем, - деп Аскатты ээрчитип чыкты.

Экөө дароо эле барып алып келип калышты. Ошентип он миң сом, бир тайды алып Бекболу менен Аксакал жөнөштү. Алар келип эшигин какканда утурлап улам бир нерсени күткөндөй болуп турган Айшакан өзү чыга калды:

- Кулдугубуз бар кудагый, кызыңар бизге барды. Кулдугубуз бар, - дешкенде:

- Эмне болуп кетти? - деп Айшакан билип турса да билмексен боло сурап койду, - Ачыгыраак айткылачы деги?

- Айгеримди келин кылып алдык, кулдугубуз бар!

- Кулдук, кудагый, - дешкенде кууланган Айшакан:

- Койо тургулачы, атасына айтайын, - деп кирип кеткенде, Бекболу:

- Эми өзүбүздү кубалап жолго чыкпаса болду бул министир, алкымына бул толбойт да, - деди акырын.

- Көрө жатаарбыз. Кызын бактылуу болсун десе унчукпай тосуп алат, чыда, - деп Аксакал жооп берди.

- Ой бу чоңдоруң чоңду каалайт, жетим-жесирди киши көрбөйт да буларың, - деп шыбырашып турганда эшик ачылып, чоң курсак, бир колуна таяк кармаган көзайнекчен киши көрүндү.

- Келипсиңер, балдар?

- Кулдугубуз бар, куда, кызыңар бизге барды. Кабыл алып койуңуз, азыноолак бере турган тоюн алып келген элек, - деген Аксакал ага кол куушура сүйлөдү.

- Куда, акча менен эмес, адамгерчилик менен баалашсак, кыз бизге бүлө болду, жаштардын келечеги алдыда, - Бекболу ушинтти эле, Жолдошбек экөөнү баштан аяк карап туруп, анан:

- Киргиле! - деди. Айшакан күйөөсү эмне дээр экен деп күтүп турган, аларды киргизгенде "өх!" деп алды ичинен. Эгер жини келген болсо ал киргизмек эмес аларды. Келгендерди киргизип жайланыштыргандан кийин, - Кана, сүйлөгүлө, - деди Жолдошбек.

- Куда, кызыңыз бизге барды, кулдук кылабыз. Биздин уулубуз менен сиздин кыз бири-бирин жактырып калыптыр, алдыңызга кудалашканы келдик, - деди Аксакал тамагын кыра үнүн жасап.

- Кудай кошкон куда болот тура, бардар бири-бирин сүйүшөт экен, аз да болсо ушул тойду кабыл алыңыз, - деп Бекболу айтканда, Аксакал Жолдошбектин алдына он миң сомду койду.

- Кимдин баласы, кандай жумуш кылат?

- Эми-ии, жумушу жок. Азыр дипломдуулар бош калбадыбы. Жаш бала, келечеги алдыда. Эшимкан дегендин баласы.

- Да-аа, - Жолдошбек жаагын таяна ойлуу отуруп калды да, - Кабыл алдык, келгениңерге рахмат. Мен кызымды акчага эмес, адамга берем, ошол баланын адамдык сапаты болсо анда мен бала кылып алайын, байбиче, конокторду тейлегиле! - дегенде Аксакал менен Бекболу тура калып кайрадан колдорун суна учурашып:

- Ыраазыбыз, куда! Балдарды түшүнгөнүңүзгө рахмат.

- Ылайым бар болуңуз! Кантсе да эл көргөн, жер билген адамсыз да, - дешип бакылдашып, жетине албай жатышты кудалыкка келгендер.

Заматта дасторкон үстү дүйүм тамакка толду, өрүк-мейиз менен бадам-жаңгактар койулуп, боорсок келди. Айшакан өзү эле мурдатан даярдап күтүп жаткан, муну келинине айткан, бирок боюнда барын айткан эмес. Таңсулуу экөөлөп тамак-ашын жайнатып, койкойгон коньяктар келди. Аркы-беркини айтып отурушту. Сөз арасында Жолдошбек:

- Балдарга айтып койгула, мен кабыл кылдым. Илгери бир хан кызын кедейге бербейм десе кызы болбой коюп, кызын жаман алачык менен көчүрүп тогуз жолдун боюна алпарып койгон имиш. Арадан жылдар өтүп, баягы жетим бала аялы экөө аябай байып, кайнатасын конокко чакырып бир кочкор соймак болот. Ошондо баягы хан ырыскы ошол кочкордо экенин билип: "Ушул койдун жүрөгүн мага бергиле" дейт. Макул болгон кыз-күйөө жүрөктү алып бермек болуп колунан түшүрүп ийсе күчүгү илип кетет, хан ага жеталбай калат. Ошондо хан: "Аны кармап бергиле мага" дегенде күчүк барып чатырдын этегине сийип койот. Хан айтат: "Эми күчүк эмес, чатырдын ошол жерин кесип бергиле" дейт. Күйөө баласы аны кесмек болуп жатканда бир эчки келип ошол жерди жалап кетет. Аны көрүп ачууланган хан: "Ушул эчкини союп жүрөгүн бергиле!" деп кыйкырат. Кыз-күйөө таң калып, эчкини союп, этин казанга салат. Эми эт бышып калганда эки жашар бала ыйлап калат. Күйөө бала: "Кайнатам эт деле жей берээр, жүрөктү жээнине берип койойун" деп баласына кесип берип койот. Хан эт келгенде: "Кана эчкинин жүрөгү?" деп сураса: "Жээниңиз ыйлаганынан берип койдук" дейт кызы. Ошондо хан: "Сынап көрдүм эле, силерге ырыскы жабышыптыр. Эми ушул балаңарга өттү, бактылуу болгула" деп кыз-күйөөсүнө элинен эл бөлүп берип, жарым хандыгын берген экен. Балага өтө каардуу болбосун билем, эми ушул кыз-күйөө бактылуу болсун! - дейт Жолдошбек бокалды көтөрүп.

- Рахмат, куда, кең пейилдигиңизге ыраазыбыз!

- Аман болуңуз, куда, - деп ыраазылыктарын билдиришет келгендер.

Андан кийин Айшакан костюм-шым алып келип, экөөнө тең кийгизди. Бир сыйра кийит кийгизишип, машинасы менен жеткирип койду. Бапылдаган Аксакал жетине албай мактап жатты Жолдошбекти. Атырдын да көңүлү тынып калды.

Аскаттын көңүлү ачык болгону менен, жүрөгүнүн башында бармак басым кара так бар, өзүн өзү кармап, апасынын жетине албай кубанып жүргөнүн аяп ичинен тынып жүрдү. Анткени ал Айгеримдин бир жолку "кылыгын" көрүп калган. Ошону үчүн өзүнө кулак салган жок, тек камалып калуудан коркуп гана үйлөнүүгө макул болгон. Эми канчага чейин чыдаары белгисиз.. .

Жибек өзүнө келип оңоло баштагандан кийин, ага милиция тынбай келип сурай берди. Жибек көп ойлонуп көрүп, өч алууга алы келбесин сезди да, болгон окуяны толук жазып берип койду.

Мелис көпкө чейин кыжаалат болуп жүрүп, бирок Жибектин эмне болгонун ачык билалбай, арадан эки жума өтүп кетти.

Жибек ооруканада көпкө чейин жатып, туруп басалбай кыйналды. Врачтар ага: "Акырындык менен өзүңө келесиң. Муундарыңа, белге суук тийген, нервиңе доо кеткен" дешти. Керебеттен туралбай көзү жалдырап жатып, күчүнүн баарын көз жашына чыгарган Жибек акыры айласы кеткенде болгон окуянын баарын төкпөй-чачпай милицияга айтып да берди. Ошол эле күнү түшкө жакын Жолдошбектин үйүнө милиция келди. Мелис уктап жаткан.

- Бегалиевич, уулуңуз үйдөбү? - деди участковый келип эле.

- Үкө, эмне болду? - деп Жолдошбек отурган ордунан обдула тура калды, - Тынччылыкпы?

- Балаңыз Кадырбаева Жибек деген кызды өлтүрмөк болгон, тилекке жараша ал кыз өлбөй калыптыр, арызы мына, - деди участковый Жолдошбекти сыйлагандыктан катты ана сунуп. Эгер башка адам болгондо эчтеке айтпай туруп: "Тияктан угасың" деп эле уулун алып кетип калмак.

- Качан болуптур?

- Эки жумадан ашты. Менин убактым жок, - деген Айдар Суракматов артынан кирген эки милиционерге карап: - Үйүнөн карап чыккыла! - дегенде Жолдошбек үндөгөн жок.

Ошол убакта Айшакан чыга калып үрпөйө калды:

- Эмне болду? Эмнеге үйдү карашы керек?

- Аны күйөөңүздөн угуп алыңыз, - деди эле участковый, аңгыча берки эки милиционер Мелистин колуна кишен тагып алып чыгып жөнөштү.

- Жоке, эмнеге алып кетти баланы, эмне болуптур, сүйлөчү деги? - Күйөөсү унчукпай койгондо Айшакан милицияларды көздөй жүгүрүп, аларды колдорунан кармалай: - Айланайындар, эмне болуп кетти, эмнеге баламды алып кетип атасыңар?! - деп жалбарып жатты.

Көзү жашка толуп ыйлап бараткан кайненесинин артынан Таңсулуу жүгүрдү. Ал жеткиче тигилер Мелисти машинага салып жүрүп кетишти.

- Эмне болуп кетти, апа? Алар Мелисти эмнеге алып кетишти?

- Билбейм, балам, билбей да калдым, атаңдан сурайлычы, - деп кайра үйгө ээрчише киргенде, Жолдошбек:

- Балаңдын кылганын көрдүңбү, Жибек деген кызды өлтүрмөк болуптур.. . - деп келатканда Таңсулуу:

- Жибек? - деп ийди.

- Сен аны билесиңби? - деп Айшакан келинин карады.

- Ооба, менин классташым.

- Анда ошол, - деди Жолдошбек кыска гана.

Андан кийин ал ар кайсы жакка чалып жатты.. Жибектин ата-энесине барышты, бирок алар кечирбеди. Жолдошбек колунан келгенин жасады, бирок Жибектин инвалид болуп калышы мүмкүн деген врачтардын айтуусунан улам Мелисти койо бербей койушту. Жолдошбек ары-бери чапкылаган менен баласын таптакыр бошотуп алалбады. Болгону мөөнөтүн жеңилдетип, сегиз жылга кесип жиберишти.

Жолдошбек ойлоно берип, дагы ооруп жатып калды. Айшакандын көзүнүн жашы көл болуп отурган күндөрүнүн биринде Айгерим кирип келди. Ал Аскат менен уруша кетип, үйүнө баса берген болчу. Ошентип бир кездеги бактылуу үйбүлө турмуштун катаал туңгуюгуна кептелди да калды. Айгеримди Аскат келип алып кетмек тургай, кабар алып да койгон жок.

Таңсулуу кайнатасынын сөзүнөн кийин: "Мелистин Жибек менен кандай иштери бар эле? Же… же ал аны менен да жүрүп кеткенби? Анан ортолорунан чыр чыгып, сабап койдубу?" деп, бу суроолоруна жооп табалбай далайга чейин кыйналып жүрдү. Акыры мунун өтөсүнө чыкмайын жаны жай албасын сезди белем, бир күнү Таңсулуу тамагын бышырып, базардан помидор-бадыраң алып салат кылып, Жибекти көрүп келмекке ооруканага барды.

-Кандай, Жибек, жакшы болуп калдыңбы?

-Жакшы, кудайга шүгүр…

Таңсулуу экөө көпкө чейин аркы-беркилерди сүйлөшүп, өткөн-кеткенди эскерип отурушту.

-Жибек, атам "Мелис Жибекти өлтүрмөк болуп…" деди го бир күнү. Сурасак толук айтпай койду. Эмне болду эле, айтып берчи мага?

Жибек заматта мостойо түштү. Анан окуяны башынан, тээ Айдайды машинадан түшүрө албай жаткан жеринен баштап, ийне-жибине чейин айтып берди.

Ошондо Таңсулуу: "Аңги байкуш акыры жүрүп айыбын тартсын, өлүгүңдү көрөйүн! " деп Мелисти жектеп, анан өзүнүн буга чейинки тайкы тагдырына оор үшкүрүнүп, эки курбу бири жанкайгысы, бири денекайгысы менен калып, кош айтышты.

Ошол эле түнү Таңсулуу эң зарыл кийим-кечесин, бираз чогулткан каражатын жана шуру-мончокторун алып, таңга жуук үйдөгүлөргө көрүнбөй дарбазадан чыгып, Бишкекке кетчү таксилер токтоочу жайга бет алды…

***

Арадан жылдар өттү. Таңсулуу көп кыйналбай эле, өзүнүн зиректигинен бир белгилүү гезитке адегенде корректор болуп орношуп, кийин оорлошуп калганда турмуштун ачуу-таттуусун түшүнө билген баш редактор айымдын жардамы менен батиринен иштеп, көз жаргандан кийин ымыркайды эптеп сакайып үйүнө чыккан Жибек курбусуна биротоло тапшырып, өзү субай-салтаң кайрадан шымаланып ишке киришип, бара-бара бакандай журналист болуп чыга келди. Өзү аркасынан сая түшүп алган кайсы бир белдүү саясатчынын көзгө басар ойношу болуп, анысына эки бөлмөлүү батир алдырып, диктофону менен калемсабын жанкурбусундай көргөн Таңсулуу ушу күндөрү арабызда буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн кербези..

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз