Айгүл ШАРШЕН


"Мезгил курмандыгы"


Бир кезде өмүрдүн кызыгын сезбеген секелек Лилия күйөөгө тийгенден кийин турмуштун оош-кыйышын, күлкү-кубанычын анда билген эмес. Лилия үч жашынан жетим калган. Атасы төрөлгөндө эле токко урунуп өлгөн. Апасы ооруп калып көп жатты. Коля менен Айзирек балдар үйүндө чоңоюп, бири-бирин жактырып калып баш кошуп алышкан. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болоор эч кимиси жок эле. Коля кийин тууганың болом деген Батыркулдун үйбүлөсү менен катышып жүргөн.

Ата-энеси экөө тең өлгөндөн кийин Лилия Батыркулдардын колунда калды. Өздөрүндө үч баласы бар, бири кыз, экөө эркек. Үч жашар кыздын бети башы ботала болуп бирде ыйлап, бирде ойноп жүрүп, акыры чоңое баштады. Өзү зирек, айтканды илгиртпей аткарат. Ал өз ата-энем деп ойлочу. Эки баласы улуураак, кызы Ширин Лилиядан эки жашка чоң эле. Ширин биринчи класска мектепке барганда Батыркулдун аялы Өлмөскан кыпкызыл розаларды алып кызын формачан, фартук менен барпыраган ак бантик тагып алып өзү ээрчитип барды. Ширин өтө тентек кыз, ата-энеси ал тентектик кылса, кубанып калышчу. Эсине кире баштагандан тартып Лилия ата-энесинин өзүн жакшы көрбөгөндөй ичинен нааразы болуп кетчү болду. Жаныш менен Байыш чоңоюп калганга ага унчукчу деле эмес, бирок Жаныш Лилияны аябай жакшы көрөт. "Неге атам менен апам мени жаман көрөт", деген ой Лилиянын мээсинен кетчү эмес. Жаңы кийим алса сөзсүз Ширинге, эки баласына алып, Лилияга ар качан Шириндин эскиси артчу. Ошого кубанып калчу. Антип минткиче убакыт жетип Лилиянын да окуй турган кези келип Өлмөскан ага Шириндин эскисин жууп тазалап, эски бантигин тагып Ширинге кошуп мектепке жөнөттү. Бала неме ага деле көңүл буруп ойлоого кудурети жетмек эмес. Колунда эски сумка. Болгону дептер менен калем саптары жаңы. Бардыгына кайыл болгон Лилия мектепке окуп балдарга аралашып кетти. Алгачкы күндөн тартып сабакты жакшы окуй баштады. Өлмөскан анын алгачкы жолу, дептерине жазганын көрүп, ичи тарый түштү. Ал өтө деле заар эмес, бирок Лилияны боору ооруп бакканы менен жакшы мээрим төгө албады.

Алар кызды багып алганын эч ким айтпайт деп жүрүшкөн, бирок эл оозунда элек жок эмеспи, көргөнү бирди сүйлөсө, көрбөгөнү бирди сүйлөп, апыртып кетмейи бар го? Ата-энелеринен укканын ичине сактай албаган бала немелер укканын айтып койду. Бушайман болушуп Ширинди өзүнө акырын чакырды Өлмөскан:

- Сен укканыңды Лилияга айтпагын, ээ?

- Макул, - деди Ширин, ал деле чындыгында эч нерсеге түшүнгөн эмес.

- Окуй гой, сен Лилиянын дептерин булгабагын ээ, сен андан улуусуң, эжеси сиңдисин антпейт да.

- Ооба, - деген бойдон Ширин сабак даярдоочу бөлмөгө жүгүрүп кетти.

Канчалык айтып, окутса дагы Ширин жакшы окуй албады. Жазганы дагы ийри-буйру, ката жазып эптеп-септеп окуусун уланта берди. Лилия улам жыл өткөн сайын татынакай болуп чоңоюп баратты. Байыш мектепти бүтүп, чоң окуу жайына окуп калды. Ширин да өңдүү-түстүү, бирок кыял-жоругу чатак болуп баратты. Бир күнү мектептен келип эле Лилия менен сүйлөшпөй, өз бөлмөсүнө кирди. Ал ызаланып жатты. Ширин тогузунчу класста окуса да сиңдиси Лилияга балдар көп тийишип кат жазганын да уккан. Лилия зымырайып эч нерсе билгизбей эжесине кадимкисиндей эле "эжекелеп" турат. Өлмөскан эки кызын канчалык бирдей көргүсү келгени менен кийимдин жакшысын, жаңысын Ширинге алып берип, андан калган эскилерди Лилияга кийгизип коет. Канчалык эски кийим кийсе да өзүнө жарашып, ан сайын ага Шириндин классташтары, андан чоң класстын балдары шынаарлап кат жазышат. Муну көрүп-билген Ширин ичи күйүп, улам жаңысын кийип барса да, көңүл бурган эч ким болбоду. Зымырайган Лилия ошол он үч, он төрт жашында эле сырын сыртка чыгарбаган кыз болду. Баарынан дагы ал өз ата-энеси эмес экенин билгендеги азаптуу күн анын өмүрүндө биринчи билди, жаш жан дүйнөсү ооруп тагдырына нааразы болуп жүрдү. Анткени алардын жакын коңшусу мектептен жолугуп калып үйүнө жеткиче болгонун айтып келди:

- Кызым, сенин ата-энең кичинекейиңде өлүп калган, Батыркул атаңдын кыйыр тууганы экен, сени асырап калышкан.

- Эже, ушул чынбы? - Лилия Асылбүгө жалдырай карап сурады.

- Мен сага калп айтып эмне кылам, эсине кирсин деп күтүп жүргөм, эми чоңойдуң. Байкуш Коля жашында жетим калып балдар үйүндө чоңойгон, апаң менен ошол жерден сүйлөшүп баш кошуп калышкан экен, анан Батыркул угуп калып биякка алып келген болчу, көп узабай эле ата-энең экөө тең сен үч жашка чыкканда өлүп калбадыбы?

- Демек мен бул кишилерге кайтарылгыс карыздар экенмин да? - деди кыз ойлуу, - Жамандык көрсөткөн жок, мен өзүмдү алардын кызымын деп сезгеним менен мээримден куру элем, көрсө өз баласы эмес турбаймынбы? - Көз жашы жүзү ылдый куюлуп келе берди.

- Кой айланайын, ыйлабай жүр, канткен менен сени багып өстүрүштү, мээрим бербесе да минтип чоңойтуп койду, эстүү кыз болдуң, кимге катталып жүрөсүң?

- Батыркулова болуп…

- Метиркең жок бекен?

- Билбейм, сураган эмесмин.

- Мейли садага, менин бул айтканымды эч кимге айтпагын, ээ?

- Болуптур эже…


- Мейли, үйгө келип калдык, менин сени менен турганымды көрсө Өлмөскан күмөнсүп жүрбөсүн, байкуш кантсин, сени кызгана берет, өз баласындай болуп калбадыңбы? - деп бөлүнүп ары баса бергенде Лилия:

- Эже, - деп жанына жетти, - Атам менен апамдын мүрзөсү кайда экенин билесизби?

- Тигил өйүздөгү эле мүрзөдө…

- Рахмат, - деп үйгө ойлуу кирди Лилия.

Аны көргөн Өлмөскан:

- Эмне болгон сага, кабагың карыш түшүп калыптыр? - деди.

- Эчтеке…

- Лилия, сен азыр жашсың да, эмнеге эмитен балдар менен сүйлөшүп жүрөсүң?

- Ким айтты, апа? - Лилия таңгала карады.

- Уктум, бизди жаман атты кылбай жакшы жүр!

- Макул апа, мен эч ким менен сүйлөшпөйм, жөн эле көрө албагандар ушакташкан го?

- Сени Ширин көрө албай калыппы?

Өлмөскандын көзүнүн заары чыга карады, кыздын жүрөгү селт этти, денесин калтырак басып көз чанактары жашка толо түштү:

- Ширин эжем айттыбы?

- Ооба, ал сенден улам мектептегилерден уялып бүттүм деп ыйлап жатат.

- Апа-а, баары жалган, мен эч ким менен сүйлөшпөйм дагы!

- Шамал болбой чөптүн башы кыймылдабайт деген, жалган болсо Ширин кайдан укмак эле, бар кир үйгө, мындан ары укпайын, - деди да Өлмөскан сыртка чыгып кетти.

"Булар мени жаман көрүшөт, эптеп өздөрүнөн алыстаткысы келет окшойт, бирок мен милдеттүүмүн, мени багып өстүргөнү үчүн карыздармын", - деп ойлоп бөлмөгө кирди да күндөлүк жазууга киришти:

"1982-жыл. 19-апрель. Мен бүгүн өз тагдырыма байланыштуу кубанычтуу да, кайгылуу дагы кабар уктум. Кубанычтуусу өз ата-энемди биринчи жолу уктум, өкүнүчтүүсү алардын жашында өлүп калып мендей чырпыгын бирөөнүн колуна таштап кеткени болду. Көзүмдүн жашы көлдөп, силерди эстеп, отурганымда билесиңерби азиздерим, мен үчүн силер дүйнөдөгү азиз инсандарсыңар! Ата-энемдин ким экенин билбей жашап өтүү кандай арман, билген күндө өлүп калганы, менин жаш жүрөгүмдү сыздатпадыбы? Эртең сабактан суранып чыгып, ата-энемдин мүрзөсүнө барып келбесем… ", - деп жазды да кийимин которуп, сыртка чыгып келатканда, алдынан Ширин чыкты. Унчукпай өтө бергенде ал:

- Сен чоңоюп калдыңбы, бизди такыр эле көзүңө илбей калдың да? - деди Ширин аны карабай туруп.

- Ширин эже, мен эмне кылдым, эч кандай күнөөм жок го?

- Күнөөм жок деп, мен кыздардан уялып бүттүм, сиңдиң андай, сиңдиң тигини менен жүрөт, муну менен жүрөт дешип айтса, басып жүрө албайт экенсиң.

- Койчу эжеке, мен али балдар менен жүрө турган боло элекмин, айта беришпейби? - деп чыгып кетти Лилия.

- Эй кыз, жалган айтпа, карганба, Адис менен жүрөт турбайсыңбы?!

- Эмне-е? - Лилия токтой калып Ширинди биринчи көрүп тургандай карады, - Эгерде мага жигит керек болсо бир Адистен башкасын тандамакмын, ал мага алтын төшөп койсо да кереги жок!

- Көрө-өбүз, бар ишиңди кыл! - деп коюп Ширин кирип кетти.

Лилия ордунан жылбай туруп калды: "Эмнеге күйүп-бышат, Адисти өзү сүйүп калган го, эгер өз бир тууганым болгондо минтпейт эле, буга атамдар айткандыр, билишет мен жөнүндө", - деп ойлоп, эки жакты карап туруп, коңшусунукуна кирди. Асылбү сыртта жүргөн:

- Кел Лилия, жөн-жай эле келдиңби?

- Жөн эле, Асылбү эже, атамдардын мүрзөсүн кантип табам, белгиси барбы?

- Оо кокуй кайдан, ким коет белгини, үстүнө таш бастырып эле коюшкан бойдон, мен билем, эгер көрсөтөм деп барганымды көрүшсө, чоң чатак кылбасын?

- Кантем анан эже, көргүм келип жатат…

- Олда-а айланайын ай, эртерээк айтып койдум окшойт, чыдай тур, бир ыгын табаарбыз, - деди Асылбү.

- Макул анда, мен барайын.

- Бара гой кызым, - Асылбү аны аяй карап туруп калды. Асылбү көптөн бери күйөөсү экөө кеңешип, Лилияны келин кылып алсакпы деп жүрүшкөн. Баласы Талант онду жаңы бүткөн, жазында армияга жөнөмөк болуп жаткан болчу. Ал аскерден келгиче Лилия мектепти бүтүп калаарын да ойлонуп чечип коюшкан. Артынан карап туруп: "Бечарам, ата-энеден бала калбасын, өзүнүкүндөй болмок беле, Ширин буга кыйын атаандашат окшойт, жаш туруп бир сыр билгизбейт, чоңоюп баралына келсе зымпыйган гана жан болот", деп ойлонуп туруп калды.

Лилия үйгө кирип күндөгү көнгөн жумушун жасап жүрө берди. Анын кыбырап жумуш жасап жүргөнүн көргөн колу-коңшунун баары Лилияга боору ооручу.

- Капырай дегеле тың кыз, бечараны аяп дагы коюшпайт, Ширин талтаңдап эле жүрөт, - деп бири айтса:

- Бирөөнүн баласын аямак беле, дагы жакшы жетимдей кылбай чоңойтуп койгонуна шүгүр да, кыз бечаранын бактысын берген кудай, чырымталында жетим калып эптеп чоңоюп калды, - деди бири.

- Ай, деги эле Батыркул менен Өлмөскан жакшы немелер да катуу айтып кагажынтпай өстүрүп койду, анан дагы өз ата-энесин билбейт ушуга чейин, өзүнүн кызымын деп ойлойт да байкуш.

- Эмне болсо дагы өздөрү билишсин, биздин эмне ишибиз бар, же ошо кызга бир жардам бердикпи, өзү менен өзү болуп, чоңоюп калды байкуш, бир жакшы жерге түшсө багы ачылып кетээр, - дешип тим болушат. Лилия апасынын көз карашынан айттырбай түшүнөт, мурда жөн гана ата-энесине ичинен таарынып жүрсө эми аларды да, өзүн да аячу болду. Жазгы майрам келип көчөгө чыкмак болуп калышты, Ширин эртең менен туруп алып, ата-энесине тултуң-бултуң этип жатты.

- Элдин кыздары майрамда жаңы көйнөк кийип чыгышат, мен болсо баягы эле эскилеримди киемби, барбайм эч жакка.

- Ал эмнең кызым, бир эле кийдиң го, эмнеси эски?

- Силер билбейсиңер жылыга мода өзгөрүп жатканын, жаңы эле деп былтыркыны кийип чыксам кыздар күлүшөт.

- Кызым, анда ал көйнөктү Лилияга бер, сен өзүң барып алып келип ал, - деди Батыркул.

- Муну Лилияга дагы бербейм, андан көрө тура берсин! - деп Ширин көйнөгүн өз чемоданына салып кирди, - Экинчи ага менин киймимди бербегиле!

- Ал эмнең, ай кыз? - Өлмөскан ага ачуулана карады, - Мындай сөзүңдү бизден башка эч ким укпасын, Лилия таарынбайбы?

- Таарынса тагдырына таарынсын, силердин багып алганыңарды мен билем, керек болсо эми ага айтам! - деп Ширин айтканда, босогого баш багып кирип келе жаткан Лилия угуп, артка чегине берди, ошондо Өлмөскан аны жаакка чак эттире бир чапты:

- Ким айтты сага, ким айтып жүрөт?

- Элдин баары, силер укпасаңар мен уккамын, Лилияң эмдигиче укпай калды дейсиңби, билмексен болуп жүрөт да, чоюлган кызыңар?!

- Ок өлүгүңдү көрөйүн десе, өздөн чыккан өрт жаман деген ушу тура, эл айтса да угузбай айтат, келип менин бетиме айтпайт, силерди бир туугандай болуп, бири-бирине жөлөк болсун деген элем, өзүмчүл балакет кыз болдуң да, ал байкуш эжекелеп эле турат, сени көрдүм, - деп ачууланып жатты. Жаныш ошол убакта келатып, Лилиянын босогодо турганын көрүп:

- Биерде эмне турасың, кирбейсиңби? - дегенде артка жүгүрүп чыгып кетти. Жаныш аны карап туруп калганда үйдөн:

- Ошонуңду көргүм келбейт, менин бир тууганым эмес, багып алган кызыңарды үйдөн кууп чыгам! - деген Шириндин үнү угулду.

- Кызым, анчалык өзүмчүл болбо, ата-энеси өлбөсө, ал дагы өз ата-энеси менен болмок, атасы жетимдер үйүндө чоңойгон, менин тууганым эле, жакын тууганы жок болчу, кызын жетимдер үйүнө мен бергим келген эмес, мени сыйласаң Лилияга унчукпа, - деди Батыркул.

Буларды уккан Жаныш кызыктай болуп үйгө кирди:

- Силер эмне деп жатасыңар, Лилия биздин бир тууганыбыз го, ал силердин сөзүңөрдү угуп качып кетти, - деди аларга карап, - Ушул сөздү ал эшикте жүргөндө айтасыңарбы, андан көрө ачык айтып койгула да? - деп кайра чыгып кетти. Лилия мал короонун артында отуруп алып ыйлап жатты. Өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жаткан Лилиянын жанына келген Жаныш:

- Ыйлабачы Лилия, жүр үйгө кир, көргөн эл эмне дейт, мен сени өзүмдүн бир тууганымдай эле көрөм, - деди колунан тартып, - Бас үйгө кир!

Ошондо Өлмөскан дагы келип калды, аны көргөн Лилия:

- Мен аңдыган деле эмесмин, угуп алып эмне кыларымды билбей калдым, кечирип койчу апа?! - деди өйдө туруп күнөөлүүдөй жер карап, көз жашын аарчый.

- Эчтеке эмес кызым, жүрү үйгө кирели, көргөн эл башкача ойлоп жүрбөсүн, - деп Өлмөскан колтуктай үйгө жөнөштү. Киргенден кийин жанына отуруп алып ага түшүндүрүүгө аракет кылып жатты, - Кызым, сен кичинекей болчусуң, ырас, сени биз багып калганбыз, атаңдын бир тууганы жок, жалгыз бала экен, Батыркул атаңдын тууганы болот, башка жакын тууганы болбогондуктан бизде калгансың, сен чоңойсоң түшүндүрсөк деп жүргөнбүз…

- Апа-а! - Лилия ого бетер өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлай берди, ал мурун укканын айтпады, тек ички өктөө-зарын чыгара боздоп турду…

- Лилия, сен деле менин кызымсың, өз колум менен сени күйөөгө узатып бактылуу болуп тынганыңды көрсөм арманым жок, капаланба кызым, эгер мурда айтсак, сен акыл токтото элек жашсың, азыр деле айтмак эмеспиз, мектепти бүтүп жатканда, аттестат алаарда күбөлүгүң керек болот, ошондо ачык айтып, анан аттестатка өз атаңды жаздырмак болуп сүйлөшкөнбүз, - деди Батыркул каңырыгы түтөй, - Эки-үч атадан биригебиз, жакын эле агасы мен элем…

- Садага болоюн десе, капаланбай отура гой, чындыкты билип алганың деле жакшы болду, - Өлмөскан чачынан сылап, бетинен өөп, бооруна кысты, - Ыйлаба берекем.

- Лилия ыйлабачы эми, капа болсоң биз дагы капа болобуз, - деп Жаныш да отура калды маңдайына, - Сени биз жакшы көрөбүз, мектепте алдыңкы окуучусуң, сендей карындашым менен мен дайыма сыймыктанам.

- Силер бир туугансыңар, бир тууганым жок деп ойлобо, андан көрө туруп, бети-колуңду жууп кел, парадга чыгабыз, сенин да классташтарың күтүп калды, - Өлмөскан анын чачынан сылап өөп койду, - Бол эми.

- Апа, барбайм мен, - Лилия башын көтөрбөй жооп берди.

- Кой, концерт беребиз деп жатпадың беле?

- Мен барбайм апа, Ширин эжемдер болуп бара бергиле! - дегенде Ширин чыга калып:

- Ушул турган жерде мен турбайм, мени өлгөн кыздын бири деп ойлоп койгула, азыр мен баш ооган жакка кетем! - деди да үйдөн атырыла чыгып кетти, анын артынан Өлмөскан кошо чыкты.

- Ой кыз, токто деп жатам!

- Токто, Ширин токто деп жатам! - деп Жаныш дагы чыгып, аны короонун оозуна жеткирбей кармап калды, алар киргенден кийин Лилия көзүнүн жашын салалата:

- Ширин эже, менин сага кандай жамандыгым бар, мен бир тууганым катары эле жаман оюм деле жок го, азыр го мейли жек көрсөңүз дагы мени үйдөн кет дебечи? - деди эле, ал ого бетер жинденди:

- Бул үйдө сен кал же мен калам!

- Мейли, кетсе кетейин, бирок кайда, кимдикине барам?! - деп буулуга ыйлаганда Батыркул тура калып Ширинди жаакка чаап-чаап жиберди:

- Бар, ата-энеден кечсең кете кой, тарбиясыз болуп, бизди уят кыла турган болдуң! - деп Өлмөскандын аны кармап турган колун бошотту да, - Бар, мени ата дебе, кечип кой, ата-энени сыйлабаган кыз кимди жарытат? - дегенде ал чыгып кеталбай туруп калды.

Баары үнсүз, өлүү жымжырттык өкүм сүрүп, бир гана Лилиянын ыйлаган дабышы угулуп турду. Көптөн кийин Ширин ыйлаган бойдон өз бөлмөсүнө кирип кетти. Эч кимиси үн катпай отуруп калышты, Жаныш Лилиянын ыйлап отурганына боору ооруп, эшикке чыгып кетип, ары-бери басып жүрүп: "Эмнеге Ширин Лилияны жаман көрөт, анын мүнөзү дагы жакшы, жумушту болсо өзү билип атаандашпай жасай берет, мектепте алдыңкы окуучу, мугалимдердин баары аны жакшы көрүшөт", - деп ойлонуп, себеби эмне экенин биле албай башы катты. Ал тургай өзүнүн теңтуштары Лилияны жакшы көрүп, ага эчтеке билгизбей кат жазып жүргөнүн угуп, Темир деген баланы бир жолу минтип айткан.

- Темир, сен жөн жүр, менин карындашым али жаш, ага кат жазып уят кылба, дагы бир жолу уксам капа болбо?

- Жок Жаныш, кат жазган жокмун, - деп тайсалдап кутулуп кеткен эле. "Балким жигит талашып жүрбөсүн, Ширин деле чоңойду, экөөнө бир жигит жагып калган болбосун, Лилия андай кыз эмес, ал али жаш", - деп ойлогон менен баары бир жан дүйнөсү дүрбөлөң түшүп, кыжаалат болуп жатты. Аны артынан чыккан Батыркул көрүп:

- Жаныш, сен Лилияны ээрчитип парадга чыга бер! - деди.

- Даярбы ал?

- Ооба, биз апаң экөөбүз Ширинди алып чыгалы.

- Макул.

Жаныш үйгө баш бакса Лилия Шириндин көйнөгүн кийип алып, чачына бантик тагып, аппак гольфа менен ак туфли кийип бетин жууп жөнөгөнү туруптур. Негедир кабагы ачыла түшкөнүн көрүп, эс ала түштү. Батыркул менен Өлмөскан аларды элдештирип койгон эле. Жаныш аны колунан ала жолго чыкты. Экөө адегенде Лилиянын айтканы боюнча мектепке кайрылышты. Алар келгенде парадга даярданган окуучулар класс боюнча бөлүнүп турушкан экен. Лилия Жанышка карады:

- Мен классыма бара берейин.

- Мейли, анан параддан кийин жолугабыз ээ?

- Макул, - Лилия жүгүрүп кетти, анын көйнөгү делбирей чуркап бара жатканын көргөн Жаныш: "Кандай татынакай кыз, ата-энеси өлбөгөндө мынчалык капа болмок эмес, Ширин экөө жакшы болуп кетишсе экен, анда Лилия ыйлабай калат эле", - деп ойлоп классташтарына кошулуп кеткен Лилияны карап туруп, анан центрди көздөй жөнөп, достору менен жолугуп майрамдап калды. Ошол күнү парадда Лилия кыздар менен аянтта бийлеп ырдады. Элдин арасында жүргөн Жаныш өзүнчө эле кубана карап жатты. Жанында жүргөн Темир менен Абас тамашалай кетти:

- Жаныш, сен Лилияны сүйүп калгансың го?

- Чын эле сен аны аябай жакшы көрөсүң, билгизбей сүйүп калсаң керек, бизден кызгана бересиң, чынында Лилия сулуу кыз, азыр жаш да?

- Койсоңорчу, өз карындашымды кантип сүймөк элем? - Жаныш аларга ачуулана карады, - Ал менин карындашым да?

- Жаныш, ал бир тууганың эмес, Ширинди айта албайбыз, Лилиянын ата-энеси башка да, боло берет.

- Тууганыбыздын кызы…

- Анчалык деле жакын эмес экен го, үйлөнсөң боло берет, - дешип күлүп жатышты. Жаныш жини менен урушуп кете жаздады. Андан кийин алар кайра тамаша дешип, зорго сөзгө келишкен.

Ошондон кийин Жаныш Лилияны көз албай тиктей берчү болду. Бирок жаштыгынан Лилия аны өз бир тууганындай көрчү, кээде оор эсепти же англис тилинен түшүнбөгөн жерин сурап калчу. Андайда Жаныш анын жанына отуруп алып, өзү билгенин түшүндүрүп, аны менен көпкө сүйлөшүп отурчу. Лилия ага мектепте болгон окуялардан айтып берип, күлүп отура беришет. Жаныш аны менен отурганда өзүнчө эле кубанычтуу эс ала түшөт. Ширин аларды көргөндө ичинен жини келип алат, бирок ага эч нерсе дей албай калган. Ошентип дагы бир жыл зуулдап өтүп, Лилия сегизинчи класска окуп калганда ого бетер келбеттүү, бою узун, ичке бел болуп өзүнчө эле керемет кыз болуп баратты. Күз келип, Жаныш армияга жөнөп кетти. Ширин онунчу класста. Өлмөскан менен Батыркул эки кызды бойго жетип калганга бирдей кийгизип, бирдей карап калышты. Ширин Лилия менен мамиле кылмак турсун сүйлөшпөйт, Лилия болсо эжелеп, анын чечип койгон кийимдерин жууп, тамакты да өзү жасап, ага эчтеке жасатпай же атаандашпай эле бүтүрүп коет.

Лилияга бир күнү Адис дагы кат жазыптыр. Аны окубай эле сумкасына салган бойдон унутуп калды, үйгө келгенден кийин жумуш менен жүрүп, колу тийбей, кечинде сабакка даярданып жатып алган. Ширин күндүзү ал эшикте жүргөндө сумкасын карап жатып таап алып окуду да, эртеси коридорго эч кимге байкатпай таштап коюп, класска кирип кетти. Экинчи сабактан танаписке чыкканда балдар-кыздар катты бири-бирине ыргытып, талашып Лилияны көрө күлүп жатышты. Каттын мааниси мындай эле: "Саламатсыңбы Лилия, саламым менен Адис, Алтындан ардактуу сүйгөнүм Лилия, мен сени сүйөм! Ушул катка кирпигимди калем, жүрөгүмдүн канын сыя кылып жүрөк сырымды сага төгүп отурам. Чыныңды айтчы Лилия, сен мени сүйөсүңбү? Сени ойлосом көз ирмебей уйкум качып, түнү бою түйшөлүп чыгам. Сен мени ойлойсуңбу деги? Сүйүү деген ушундай бир оор дарт экен, аны айыктыруу кыйын тура! Мени сенин гана "сүйөм" деген бир сөзүң айыктыра алат. Жооп берип койсоң суранам, деп сени сүйүп, сен деп дербиш болууга даяр болуп жүргөн Адис", - деп коюптур. Лилия эч нерсеге түшүнгөн деле жок, ошол убакта пионер вожатый Динара балдардын чурулдап жатканын көрүп, басып келди да, колундагы кагазды алып койду. Сабактан тарап чыгып бараткан Лилияны Динара чакырып алып мугалимдер бөлмөсүнө киргизди да:

- Бул эмне? - деди, - Сени тартиптүү, жакшы активист кыз деп жүрсө ушундай кызсыңбы ыя?

- Ал эмне экен? - Лилия түшүнбөй кайра сурап жиберди.

- Кат! - деп катуу айтты ал, - Эртең кыздар чогулушун өткөрөбүз, өзүң баш болуп балдар менен сүйлөшүп жүрсөң, башка кыздарга кантип үлгү болосуң?

- Эжеке, бул калп, мен сүйлөшпөйм эч ким менен, - Лилия ыйлап жатты.

- Эртең чогулушта көрөбүз, бара бер үйүңө!

- Эжеке, мага ишениңизчи, мен эч ким менен сүйлөшпөйм! - дегенине карабай ачуулана:

- Кылаар ишти кылып, кыл жип менен бууп коюп, башты оорутпай бара бер, эртең кыздар советин чакыргын, анан ошондо айтып бересиң, - дегенде аргасыз мугалимдер бөлмөсүнөн чыгып коридордо ыйлап баратканда, Шириндин классы тарап тапырай келатты. Лилия ошондо гана: "Бул Ширин эжемдин кылганы, болбосо сумкадагы катты бул кайдан алмак эле, буга мен эмне жамандык кылдым", - деп томсоро көз жашын аарчый аны күтүп туруп калды эле, ал кыздар менен артта чыгып келатып, аны көрүп баары күлүп ийишти:

- Лилия, сага эмне болгон? - деди бири ага.

- Каты кармалып калганга ыйлап жатса керек?

- Бекем ката албай калса керек да? - дешип өтө бергенде үнсүз алардын артынан жөнөдү. Ширин аны көз кыйыгы менен карап коюп, мисирээ кете берди. Кыздар кетип жатып, бөлүнүп-бөлүнүп Ширин жалгыз калганда жете келди Лилия:

- Эмнеге мындай кылдың, мага эмнеге мынчалык асылдың эжеке, мени ушунчалык жек көргүдөй эмне айыбым бар? - деди карысынан булка.

- Барчы нары, мен сага эмне кылдым, ырас болот, ар ким менен сүйлөшсөң ошо болот да, азыр апамдарга айтам! - деп жүгүрүп кетип калды.

Лилия үйгө барбай туура эле мүрзөнү көздөй ыйлап кетип жатты. Ошол убакта бүркөлүп турган күн, дыбырап жаай баштады. Коктудан өтүп, айылдан бир топ алыс топ мүрзө түпүйүп сырдуу. Кыз али ата-энесинин мүрзөсү кайсы экенин билбесе да, четине жетип, тизелей чөк түштү да, ботодой боздоп кирди: "Ата, апа эмнеге мени жетимсиретип таштап кеттиңер, бул дүйнө силер үчүн тарлык кылдыбы, менин чоңойгондо кор болоорумду ойлоп, өзүңөр менен ала кетпейт белеңер, жазыксыз жаш төккөн чырпыгыңардын азаптанып жатканын билсеңер тезирээк койнуңарды ачып ала кеткилечи, ата-энесиз калган кызыңарды аягылачы?!" - деп солкулдай ыйлап жатканда, күн-күркүрөп кыздын ички кайгысын сезип тургандай, буркан-шаркан түшө төгүп кирди. Бул кезде үйүнө кирген Ширин балбалактап апасына өжөрлөнө ыйлап, Лилияны жамандап жатты:

- "Кыжым-кыжым" дейсиңер, кыздардын арасында мени уят кылды, эртең кыздардын чогулушу болсо дагы мен үчүн уят, кой дебейсиңерби?

- Эмне болду кызым, түшүндүрүп айтчы? - Өлмөскан кызына үрпөйө карады.

- Аныңар эмитен балдар менен сүйлөшөт экен, бүгүн балдар катын таап алып шылдыңдап жатышты.

- Койчу кызым, үйдөн чыкпаса, качан, кайдан сүйлөшөт же окуудан башка бир жакка бейчеки баспаса? Атайын жасалган го дейм?

- Атайын ага ким жасамак эле, сура кызыңдан, келатат, - деп өз бөлмөсүнө кирип кетти.

Өлмөскан канчалык күтсө дагы, андан дайын жок болгонунан, Ширинден кайра сурады:

- Келатат дебедиң беле, кана ал?

- Кайдан билем, артымда келаткан, - тултуң эте жооп берди ал.

- Ушу сенин эсиң жок, кенедейиңерден бирге өсүп, бир туугандай эле болуп калдыңар, ага мынчалык өчүктүң, билбейм, - Өлмөскан наалый эшикке чыгып, төгүп жаткан күндү көрүп, кайра кирди, - Ботом, артыңда келатса эмдигиче келет эле го?

- Өлбөсө келет да?

- Акылсызым ай, кокус сен анын ордунда болгонуңда кандай болоор элең билбейм, - деп отуруп алып күдүктөнүп жатты: "Ал коңшулардыкына кирип отуруп алды бекен, үйгө келбей башкалардыкына барчу эмес эле, Ширин менен уруша кетип кала берген го, капырай эмдигиче кайда жоголду, күн болсо төгүп туруп алды", - деп ойлонуп отурганда эшиктен бирөө кирип келаткандай болду: "Эми келди, ушуга чейин эмне кылып жүрдү, коңшуларга ушактап отуруп эми келатканын", деп ачуусу келе түшүп, ачылган каалганы карап туруп калды.

- Ээй жеңе, бул мүрзөдө отуруп эсин жоготуп коюптур, - деп Нурмат Лилияны көтөрүп кирди. Нурмат Батыркулдун агасынын баласы.

- Мүрзөдө эмне кылып жүрүптүр?

- Кайдан билейин, мен карайган жерди көрүп, койбу деп баргамын, бир кой жок болуп жатат, жетип барсам Лилия экен.

- Кудай сактаган турбайбы, аякка барат деп ким ойлоптур? - деген Өлмөскан Шириндин бөлмөсүн көздөй үн салды, - Ширин, бол эрте Лилиянын кийимдерин алып чык, сыгып алма болуп калган турбайбы, ээ Лилия, эсиңе келчи кызым, - деп кийимдерин чечип, кургак кийимдерин кийгизди да Нурматтын жардамы менен төшөккө жаткырып, жылуулай жапты.

Бир ою: "Өлүп калган эмеспи кудай уруп", деген ойдо чекесине колун койду эле жылуу экен, эс ала түштү. Үшүгөнүнөн тиштенип калган кыздын колун ушалап, жылуу чай алып келди да, кашык менен ачып, оозуна аздан чай куя баштады. Анын бул абалын көргөн Ширин ичинен коркуп кетти: "Эми эмне болот, бекер кылдым окшойт, өлүп калса кандай кылам", - деп ойлоп апасынын айтканын жасап жатты. Тээ көптөн кийин ал онтой баштады, көрсө эти алоолоп ысып чыгыптыр. Көпкө отурган Нурмат:

- Кокус мен көрбөсөм ушул жамгырда эмне болот эле? Кудай жалгап бир койдун жоголгонун кара, - деди.

- Ошону айтпайсыңбы, чунак кыз эмнеге аякка барды экен, ата-энесинин мүрзөсүндө белги деле жок да, көргүсү келсе керек, - Өлмөскан кыздын чекесине муздак суу басып отуруп, кейий сүйлөдү. Ошол убакта Батыркул кирди:

- Эмне болду? - деди Лилияны тегеректеп отурган үчөөнү карап.

- Лилия ооруп калыптыр.

- Эмне болуп?

- Билбейм, - Өлмөскан Нурматты карады.

- Кызыңыз мүрзөгө барып жаанда калыптыр, - деди Нурмат.

- Аякка эмне барыптыр, күн ачыкта деле барбайт беле?

- Ошого түшүнө албай калдым, кокус бул бала көрбөгөндө ким билет, кудай уруп түнү менен калса эмне болот эле, аякка бараарын түк да ойлобоптурмун, - Өлмөскан күнөөлүүдөй күңкүлдөй сүйлөдү.

- Күн төгүп жатат, тобо, челектеп төккөндөй тим эле, контордон чыгып келгиче эле суу болуп бүттүм, - Батыркул кийимин алмаштыра, Лилиянын жанына келип отурду, - Каран калгырдыкы, эч бир ойлобогон экенмин, ушуну бир жолу куран окутуп туруп, мүрзөсүн көрсөтүп койсок болмок экен, - деп кыздын чекесин басып көрдү, - Доктур чакырсакпы дейм?

- Ошентиш керек го? - Нурмат башын ийкеди.

- Кой, мен барып тиги Орозбекти чакырып келейин, - Батыркул ордунан козголгондо Нурмат аны тургузбай өзү тура калды:

- Сиз отура бериңиз, мен барып келе калайын.

- Макул, тезирээк барып келе кал, - деп кайра оңдоно отуруп калды Батыркул, - Нурмат чыгып кетээри менен Өлмөсканга карады, - Булар дагы урушкан жок беле?

- Жо-ок, мектептен келбей эле өтүп кетиптир.

- Бирдемеге зээни кейиген экен, болбосо мындай болмок эмес, кызың каякта?

- Үйдө эле…

- Ширин! - деди Батыркул ички бөлмөнү карай, - Келчи бери кызым.

- Эмне болду ата?

- Сен Лилия менен урушкан жок белең?

- Жо-ок, урушкан эмеспиз.

- Мектепте эч ким менен урушканын көрбөдүңбү?

- Жо-ок, - Ширин өзүнүн уяты ачылып калчудай, көздөрүн ала качып жооп бергенде, Батыркул бир нерсени сезди. Үнсүз башын ийкей тим болду, ошол кезде Лилия жөөлүп баштады.

- Ата, ата! - деп көзүн ачпай башын ары жак, бери жакка кылып онтолоп жатты, - Апа, апа мени алып кеткилечи, ата…

- Кызым антпечи, кызым… - Өлмөскан жанына келип, чекесине койгон марлини суулап, кайра басып, үстүндөгү жуурканды ачып койду:

- Ысыганынан көтөрө албай жатат окшойт?

- Ушунча ысыган дененин ысыгын көтөрө албай жөөлүп жатат да, доктур… - деп келатканда Нурмат Орозбекти ээрчите кирип келди. Орозбек кыздын этинин ысыгын көрүп эле:

- Ооруканага жаткырбаса болбойт, суукка катуу урунган экен, - деди.

- Ушул абалда кантип, укол сайып койсоңуз, бир аз эс ала түшсө, анан алып баралы, - деп Өлмөскан чыйпылыктап ийди.

- Уколду го берем, баары бир алып барбасаңар болбойт.

- Мейли, эти ысыганы басылып калса анан алпарабыз, - дегенде Орозбек укол жасап, анан кетип жатып дарыларды таштады.

- Көп кармабагыла, - деп кетти.

Ал күнү кеч кирип калгандыктан, Өлмөскан өзү карап отурду, кайра-кайра жөөлүп:

- Ата, мени ала кеткилечи, мени эмнеге таштадыңар, мен дагы… мен дагы силер менен жүргүм келет апа! - деп сүйлөп жатып анан эс ала түшүп көшүлө уйкуга кирди. Жанына жатып алып карап жаткан Өлмөскан ал онтолой баштаганда туруп:

- Лилия, кел кызым, дарыдан алчы, - деп акырын айтып, чачтарын сылап өөп жатканда:

- Апа-атаке, мага эмне болду? - деп көзүн ачты.

- Эчтеке болгон жок кызым, дары ичип калчы, ооруп калыпсың, кел өйдө бол, - деп башын өйдө кылды, Лилия башын көтөрүп, берген дарыны ичип алып, кайра жатып калды.

- Кардың ачты го кызым, тамак ичесиңби?

- Жок, - деп башын чайкады ал.

- Анда жата гой, эсибизди чыгардың кызым, - деп үстүн жылуулап кайра жанына кыңкайды. Түнү бою этинин ысыганы улам түшүп, кайра көтөрүлө бергендиктен таң эрте ооруканага алып барышты. Өпкөсүнө катуу суук тийген экен, көпкө жатмак болду эле, ал экзаменим эмне болот деп болбой жатып, чыгып алды да сабакка бара баштады. Үйдөн укол-дары алып жатты. Ширин аны карай албай жүрдү, ал ооруп жатып калганда пионер вожатый Динарага келип:

- Эжеке, ал мындай эмес, бирөөлөр атайын кылган, кантип өзүнө келген катты жолго таштап коймок эле, мунун баары жалган, - деди.

- Кызык, ким ушундай кылышы мүмкүн? - деп Динара дагы таң калып ийин куушурду. Классташтары дагы Лилиянын тартиптүү кыз экенин айтып киришти. Ошондон кийин гана Динара балдар-кыздарды ээрчитип, ооруканага барып келген. Ошондуктан Лилия окуусуна көңүлдүү эле барып, окуусун уланта баштады. Адис баарын угуп, өзүнчө капа болуп, ага кат жазуудан тартынып, өзүнө жолукмак болуп чечти. Сабактан чыгып келаткан Лилияны көрүп, артта калып калды, аны байкаган кээ кыздар билмексен салып кете беришти. Лилия деле көрдү, бирок үйгө жакындап калган эле, ылдамдай басып кирип кетти. Өкүнүп кала берди Адис. Ал ошол май айында аскерге жөнөмөк. Ошентип жолуга албай кете берди. Лилиянын ага жакшы ою жок, бирок ал жек көргөн адамына да күлө карап, жакшы мамиле кыла турган. Май айы бүтүп, сегиз-онунчу-класстар экзаменге даярданып консультация өтүп жаткан. Лилия менен көңүлү жакын Мира деген кыз аны акырын ымдай туура жактагы мектептин короосунун чети жактагы кароолчунун кепесинин артына ээрчитип келди. Ага таңгала караган Лилия күлүмсүрөй:

- Эмне биякка алып келдиң? - деди курбусуна.

- Азыр билесиң, - Мира дептеринин ичинен конверт алып чыгып, - Мына муну көрдүңбү? - деди колун өйдө көтөрө.

- Ал эмне экен, айтчы эми?

- Кат, көрбөй турасыңбы?

- Ка-ат?! Кимден, эмне деген кат? - Лилиянын өңү өзгөрө түштү, - Түшүнсөм кудай бар Мира, айтчы бай болгур? - деп кабак чытый калганда, Мира аны карап катты сунду.

- Адистен!

- Ой ушунуку өттү, тытып салчы, окумак тургай көргүм-уккум дагы келбейт, - деп терс бурула бергенде Мира аны токтотуп:

- Лилия, кел кат жазып эрмек кыла беребиз, эмне болмок эле? - деди.

- Жок-жок, андай болбойт, мага ал канча жолу кат жазды, бирин дагы окуган эмесмин, - Лилия Мирага капалана карады, - Кудай жалгагыр, ушу катты тытып, өрттөп койчу?

- Эмнеге Лилия, ал сени аябай сүйөт экен, болбосо аскерге барганда унутуп калмак да?

- Мен үчүн баары бир, азыр эрте, дагы эки жыл окуп, мектепти бүтүшүбүз керек, - деп Миранын колунан катты дароо сууруп алды да, тытып кирди.

- Жинди, эмнеге тыттың, аскердеги балдардын көңүлүн көтөрүп, кат жазып коюш керек болчу, тытпай адегенде окуп көрбөйт белең?

- Окугум да келбейт, жүрү кеттик, даярданалы, - деп алдыга баса бергенде Мира аргасыз аны менен кошо басты, - Мира, кечирип койчу, менин алдыга койгон максатым бар, адегенде максатка жетиш керек, андан кийин сүйүү-күйүү деп башты оорутаарбыз, - деп кадимки токтолуп калган адамдай сүйлөдү, - Али кө-өп убакыт бар…

- Ай-ий Лилия, сен тим эле уза-ак жашап койгон чоң энедейсиң го, мынчалык акылдуусуң… - деген Мира аны эми гана көрүп тургандай карады, - Туура айтасың Лилия, ойлонуш керек, мен Артык менен сүйлөшүп жүрбөйүнбү, ал мени сүйөм десе аябай ишенем, сенин айтканың чын болуш керек, сен акылдуусуң Лилия, - деди жандай басып келатып.

- Акылдуу эмес, баардык эле кыздар ойлонуш керек да Мира, анткени бул биздин өзүбүздүн келечегибиз эмеспи?

- Туура.

- Силер кайда жүрөсүңөр, Сонун эже экөөңөрдү издеп жатат, - деп алдыдан Клара чыга калды.

- Эмне кылат экен?

- Билбейм, - деп ийин куушура тим болду.

- Жүр баралычы, - деди шашыла Лилия. Экөө жетип келсе, Сонунбү аларды тосуп турган экен:

- Келдиңерби, бүгүн силер балдарга кулактандыргыла, эртең жүз сомдон чогултсун, экөөңөр чогултуп бергиле комиссия келет экен, бээ байлагандардан кымыз алдыргыла, - деди көрөөрү менен эле.

- Макул, - деп экөө тең жооп берээри менен:

- Тездеткиле, - деди да өз ишине киришти.

Эки кыз чыгаары менен күтүп турган окуучулар аларды тегеректеп калышты. Адегенде Лилия аларга болгонун түшүндүрүп айта баштады эле, балдар аны кулак сала угуп, анан үйлөрүнө тарашты. Лилия менен Мира кымызды кандай кылып табаарын билбей кеңешип жатышты. Ойлонуп отуруп, акыры үйдөгүлөрүнө айтмак болушту. Лилиянын минтип активист болгону Ширинге жакпай чычалаган менен эч нерсе дей албады. Анткени, ал сабакты жакшы билбегендиктен бааларын жакшылап койдуруу үчүн Батыркул атайын бир союш союп, мектептин дирекцияларын чогуу коноктоп койгон. Онунчу класс дагы жүз сомдон чогултуп жатышкан. Сегизинчи класстын окуучулары активдүү катышып акча чогултуп берип, кымызды Батыркул таап берди, бир чаначты Мира, бир чанач кымызды Лилия алып барып кечинде жеткирип беришти.

Батыркул менен Өлмөскан кеңешип, Лилияны күбөлүгүн алаары менен эле педучилищага тапшыртып коюуга макулдашып жатышты. Лилия муну уга элек. Ширин болсо окууга барууга көңүлү жок. Экзамендерин ийгиликтүү аяктаган окуучулар үй-үйүнө тарашты, Лилия менен окуган эки кыз окууга тапшырмак болуп күбөлүктөрүн алып жатканда, Батыркул бир кой союп, Лилиянын ата-энесине куран окутуп, мүрзөсүнө алып барып көргөздү. Ошондо бир басылбай солкулдап, үнсүз ыйлады Лилия, мүрзөнүн үстүн чөп басып кеткен, баштарына таш коюп койгон экен, аны чым басып ар жагы ачык, тосулбаган бойдон бозоруп турган. Жанаша турган кош дөбөнүн тегереги эстеликтерге толуп кеткен. Аларды көрүп, ого бетер ичинен сызып: "Бир тууганы болсо мындай болбойт эле, же мен чоңураак болгондо эмне, тууган-уругу, күйөөрү болсо мындай болмок эмес", - деп ойлонуп жатты. Анын ички туюмун ким билмек, куран окулгандан кийин ордунан жапырт турушту. Чубай он чакты адам үйгө карай жөнөштү.

Келгенден кийин Батыркул Лилияны бооруна кысып, чекесинен өбө эркелетти да:

- Кызым, сени Фрунзеге окууга жөнөтөлү деп турабыз, мугалимдикке барасыңбы же медучилищага барасыңбы? - деди эле Лилия таңдана карап, эмне дээрин билбей калды. Анткени, ал даяр эмес эле, - Окууң жакшы, күбөлүгүң беш, ошондуктан билимиңди тереңдете бергениң жакшы го деп ойлонуп, апаң экөөбүз чечтик.

- Ата, документ даярдаш керек го?

- Мен баарын сүйлөшүп койгом, буйруса кийинки жумада шаарга өзүм алып барам.

- Анда медучилищага эле тапшырайын ээ? - деп кубанып кетти.

Анын кубанганын көргөн Өлмөскан:

- Сени окууга жөнөтүп, атаң өзү жайгаштырып келет, биз барып кабар алып турабыз кызым, окууңду бүтүп алсаң айылга келип иштейсиң, - деди мээримдүү жылмая.

Ширин аны окууга алып барабыз дегенге ичи күйүп жатты. Лилияны эртеси сүрөткө түшүп кел деп жиберишти эле, Ширин тулдуңдап атасына:

- Силер Лилияны эмес мени багып алгандай мамиле кыласыңар, мени окууга жөнөтсөңөр эмне болот, ага караганда улуумун, ал дагы эки жыл окуш керек, биротоло онунчу классты бүткөндө барса деле болот го?

- Ширин кызым, анте бербе да, сенин окугуң келсе окутпай коймок белек, Лилия өксүк, ага көп эле атаандашып жаман көрүнбө кызым, кийин-кийин биздин көзүбүз өтүп кетсе, бир туугандай болуп бири-бириңерди сыйлай турган болсоңор, Лилия жакшы кыз, сага эч жамандыгы жок.

- Ооба, жакшы кыз деп ошого эле тарта бересиңер, мектепте деле ошол, мугалимдер аны жакшы көрүшөт.

- Жакшы болсо, жакшы дейт да кызым, - Өлмөскан кызынын башынан, көкүлүнөн сылап төбөсүнөн жыттап койду, - Сен аябай өзүмчүлсүң, бирөөнө ичи тарлык кыла бересиң, андай кыялды токтот кызым, ушул жашка келип, бир дагы кыз менен мамилең жок экен, адамдын жакын адамы, сырдашып сыр айтышаары болуш керек, эркеликти эми токтот, бойго жеттиң, андан көрө сага куда түшөбүз дегендер чыгып жатат, - Жай токтоо сүйлөгөн Өлмөскан эмне дээр экен дегендей карап, жооп күтүп калды.

- Ким? - деп жиберди Ширин.

- Апсаматтын баласы бар тура, ошол Апсамат атаңа жолугуп айтыптыр, куда бололу деп.

- Жанарбеккеби?

- Сен аны билесиңби, - Эне кызын сынай карап калды.

- Тааныйм…

- Кандай бала?

- Билбейм, мен аны сыртынан эле көргөм.

- Эчтеке эмес, сүйлөшүп көрөсүң кызым, сага жакса беребиз, эгер жакпаса бербейбиз.

- ? . . . - Ширин үндөбөй отуруп калды, анын эмелеги тултуңдап жаткан кыялы заматта тарап: "Жанарбек мага го жагат, ал мени жактырабы, көрүнгөн кызга тийишип эле жүрө берчү эле, анын атасы эле ошентип жаткандыр", - деп ойлоп отурганда Лилия келип калды. Керектүү документтерин Батыркул даярдап бүттү. Өлмөскан жолго берээрин камдап койду, боорсок жасап, эт кууруп салып берип, эртеси эрте үйдөн чыгышты.

Жаныш болсо аскерде жүрүп, кат жазган сайын Лилияны сурай берет, ага салам жолдойт, акыркы келген катында экзаменди ийгиликтүү аякташын куттуктаптыр. Өлмөскан өзүнчө ойлонуп алды: "Ботом, өзүнүн карындашын ойлоп да койбойт, качан болсо Лилияга салам айтат, ал-акыбалын сурайт, бул эмнеси", - деп телмирип отурганда Ширин:

- Апа, мен Айдайга барып келейинчи? - деп калды.

- Барсаң барып, тез кел.

- Тез эле келем, - Ширин шашыла чыгып кетти.

Өлмөскан жалгыз кызынын келечегин ойлоп тунжурай саймасын сайып отура берди, ал антип отурганда Кундуз кирди, ал жанаша коңшу турат. Экөөнүн мамилеси жакшы.

- Сайманы сайып эки кыздын себин даярдап жаткансың го?

- Ооба, эки кызым бирдей бой жетип калды, камдап коеюн.

- Кыз берүү да оңой иш эмес, меники дагы чоңоюп баратат, балдарды ойлоп жүрүп эле, картаят турбайбызбы? - Кундуз шыпшына сүйлөп кирди, - Байыштын окуусу качан бүтөт?

- Ага үч жыл эле болбодубу, дагы эки жылда зорго бүтөт.

- Ии-ий, ооба-ооба, - деген Кундуз, - Лилияны кайсыга тапшыртканы кетти? - деп чегип-чегип сурап отурду.

- Лилия сабакты жакшы окуйт, бир убакта экөөнү окутуш деле кыйын эмеспи, быйыл ал өтүп алса, эмки жылы Ширинди жөнөтөбүз, - деди Өлмөскан саймасын ары коюп, - Чай коеюнчу, эрмектешип чай ичели, - дасторконун жайып чайын алып келди, көпкө чейин отуруп сүйлөшүп жатышты.

- Жакшы адамсыңар Батыркул экөөңөр тең, ушу Лилияны жетимдей кылбай бойго жеткирип койдуңар, силерден башка неме болсо күн көргөзбөй жумшап, окутмак турсун жакшы сөз айтмак эмес.

- Өз эле балабыздай болуп калбадыбы?

- Ооба-ооба, кенедейинде бактыңар да, өзү дагы акылдуу болуп чоңойду, сендей аялдан тарбия алды да, - деп күлүп калды.

- Баланы канчалык жакшы болсун деп, атайын тарбияласаң деле, кээ балдар бейбаш, обу жок болуп калат го, бул балдардын өзүнүн нары жагында бар да, - деп койду Өлмөскан, анын оюнда Ширин болду, ал кызынан сары-санаа болуп турган эле. Кундуз көпкө отуруп анан жөнөдү, аны узатып чыккан Өлмөскан дарбазанын жанына барып кайра кайтты. Ширин али келе элек, анын кечиккенинен улам кыжаалат болуп жатты: "Тез эле келем деди эле, эмнеге кечикти, кудай сактасын, бул эле жерде эмеспи, келип калаар", - деп кечкиге тамак жасоого киришти.

Ширин кечигип жатты. Тынчы кетип, улам эшикти карап кайра кирет, кирип келе тургандай босогодон көзү өтүп отуруп, көзү илинип кетиптир, түшүндө Ширин өзүнөн качып эле чачын жазып, жүзүн жаап алып, боюн ала качып жатыптыр. "Кызым, сага эмне болду?" - десе, "апа, мен кетип баратам, мына бул жол менен", деп жердин алдын көздөй кеткен жолду көрсөтүп, өзү ошол жол менен артына бир карап алып, ылдый көздөй түшүп кетет, жүгүрүп жетип барып жолду таппай калып, карандай кара топуракты чеңгелдеп чачса да дайны жок, ыйлап жатып ойгонуп кетти, терезени караса караңгы кирип калган экен, жасаган тамагы муздап калыптыр, эшикке кирип чыгып жатып кайра бир нерсени ойлой калып, үйүн кулпулай коюп, шашып жөнөдү. Ал келгенде Айдай үйдө экен.

- Айдай, Ширин сага барам деп кетти эле, эмдигиче жок, келди беле? - Өлмөскан аны көрүп эле сурап жиберди.

- Жо-ок эже, Ширин келген жок, мен үйдө эле болдум.

- Капырай кайда кетти анан, эч жака кетчү эмес эле…

- Билбейм, келсе үйдө болот эле да, - Айдай анын жанына келип тынчсыздана, - Жүрүңүзчү, Нуркыздан сурап көрөлү, - деди жооп күтпөй эле, алдыга басып, - Болсо ошол Нуркуздыкында болот.

- Кайда болсо да эсен болсо болду эле, деги кайда жүрөт бу каапыр? - деп ойго берилип кетти.

Өлмөскан өйдө-төмөндү этибар албаган неме эле, ошондуктан түштү унутуп калчу, эми гана эчен ирээт көргөн түшүн көз алдына келтирип кетип жатты. Түшүндө Ширин чоң энеси менен тамак ичип отурат имиш, Өлмөскан жүрү кеттик десе болбойт, ошондо чоң энеси, кой балам тим койчу, жанымда жүрө берсин, сен өзүң кете бер, дегенде эч нерседен капарсыз, чоң энесинде калса кала берсин, деп кетип калат, дал ушул түштү үч жолу көргөн, бирок аны дароо эле унутуп койгон.

"Кайда кеттиң кызым, мени шордотпой келип калчы каралдым, атаң да мени күнөөлөйт, карабай эмне кылып жүрөсүң дейт го, эмне десе ошо десин аман-эсен көзүмө көрүнө көр садагам, кайда кетип калдың деги", - деп ойлоп үйүнө келди, кечки жасаган тамагы ичилбей карды ачкансыды. Төшөк салып дагы жаткан эмес, дасторкон жайбай чыныга тамак куюп алып ичмек болду, бир-эки кашык оозуна салып, андан кийин жүрөгүнө барбады, чыныны жерге койду да, кайра эшикке чыкты. Эч дарек жок, көчөдө бирин-серин эл жүргөн менен кызынын карааны көрүнбөдү. Эки күн өттү, Өлмөскандын издебеген жери калган жок, көрдүм деген дагы эч ким болбоду. Үч күн өткөндө, эси оой дел болуп отуруп калды, кечкисин болсо дагы бир жөн, таламандын чак түшүндө кетип, жан адамга көрүнбөй житип кеткендей жок болгону аны жинди кылып кое жаздады…

Төртүнчү күнү чарчап-чаалагып Батыркул келип, аялынын турпатын көрүп чоочуп кетти.

- Ой, сага эмне болду?

Аңдоостон күйөөсүнүн үнүн уккан Өлмөскан ордунан тура калып аны эки карыдан алып жулкулдата ыйлап ийди:

- Эмнеге кечиктиң?! Ширин жок, төрт күн болду, издебеген жерим калган жо-ок!

- Эмне дейт, каякка кетиптир? - Укканына дел боло түштү, - Ага эмне болуптур, кайда кетти эле?

- Суранып алып Айдайга барам деген, күтсөм жок, Айдайга барбаптыр!

- Жинди болгон го, эгер бир жаманатты болгонун уксам, өзүм мууздап салам! - деп жинденди Батыркул аялына карап, - Жибербей эле койбойт белең?

- Кантип, классташына барам десе кантип жибербейм, кайдан билдим минтип жоголоорун, - Экөө ар кайсыны ойлонуп, участковыйга барып, арыз жазып таштамак болду. Бирок а деп, бу деген менен кызынын амандыгын тилеп, өз ичтеринен сызып, бири-бирин үнсүз тиктеп, өлүү тынчтыкта тунжурап отурушту.

Шириндин тагдыры мындай болгон эле.

Ширин үйүнөн чыгып, Айдайга жөнөп баратса, Марат деген ошол айылдык жигит машина менен келатып аны көрүп токтоп калды:

- Кандайсың Ширин?

- Жакшы, өзүңүз кандайсыз, - Ширин эңкейе учурашканда Марат ага жылмая.

- Кел, машинага отур, сүйлөшчү сөз бар, - деди.

- Кандай сөз? - Ширин ошентип сурап жатып, машинага отуруп калды, аны айланада эч ким көргөн деле жок, Артисбек дегендин жети-сегиз жашар баласы гана карап турган. Марат машинаны айдап баратканда Ширин, - Айтпайсызбы кайда баратасыз? - деди.

- Кое турчу Ширин, мен сага көптөн бери жолуга албай жүргөм, кудай жалгап, өзүң чыга калбадыңбы?

- Менин жумушум бар, кечиксем апам урушат, - деп Ширин эч нерседен капарсыз эле күлүп койду, - Бол эрте айтыңыз.

- Шашпа, тигиндейрээк баралы, - Марат айылдын четине айдап барып токтотту да өзү түшүп, Ширин отурган жакка өтүп жанына отурду, - Ширин, мен сени көптөн бери жакшы көрөм, оюмду айта албай убакыт өтүп жатат, сен деле мектепти бүттүң, үйлөнүп албайлыбы? - деп Шириндин жүзүн өзүнө каратып, көздөрүнө тике карады, - Мен сени сүйөм, Ширин!

- Коюңузчу, сүйүүнү ушинтип айтат бекен, сизди башка бир кыз менен жүрөт деп уккам, башка сөзүңүз жок болсо мен кетем, - деди Ширин андан чоочулай.

- Ширин, ишенчи мага, мен сени сүйөм, жок дегенде бир-эки саат природага чыгып отуруп келели, макул дечи? - деп жалдырай баштады, - Макул деп койчу, Ширин…

- Жок, мен баралбайм, көргөн эл ушак кылып, ата-энеме жетсе өлтүрүп коюшат, - деп Ширин такыр болбой жатты, ал тургай машинага түшкөнүнө өкүнүп жатты. Марат мурда уурулук кылып, эки жылга соттолуп келген, атасы тааныштарына берип жатып, мөөнөтүнөн мурда куткарып алган. Айылдын бейбаш балдарынын бири эле, Ширинди сүйбөй этпей эле атайын салып алган, оңдой берди болуп, анын каршылыксыз машинасына отурганына ичинен кубанып да алды.

- Ширин суранам, мен суусундук менен конфет, бир аз жегенге тамак аш алып алгам, атайын сага арнап, бир аз эле отуруп келебиз, - деди да, кайра түшүп рулга отурду. Ширин үндөгөн жок, Марат келбеттүү, узун бойлуу жигит, анын камалып келгенин билчү эмес, ичинен өзү анын сүйүүсүнө макул болгондой үндөгөн жок. Тоо этегиндеги ээн, бузулуп калган сарайдын жанына келип токтотту да өзү түшүп, алып келгендерин капотко жайып, - Кел Ширин, жай отуруп сүйлөшөбүз, - деп Ширинди колунан тартып түшүрдү.

- Эмнеге ээн жакка алып келдиңиз? - Ширин тултуя карады.

- Эмне болмок эле, азыраак отуруп кетебиз да? - деп жалдырай кетти, - Койчу эми көңүлүңдү ачсаң, кел мындан жесең, - Марат машинасынан вино, арак алып чыкты, - Винодон алалы, көңүл көтөрүп коелу, сени жолуктурганыма абдан кубанычтамын, - деди да төөнүн көзүндөй болгон стаканга винодон куюп сунду.

- Мен ичпейм, өзүңүз ичиңиз.

- Кичине эле, ооз тийип кой эми, чынында мен сени сүйүп калып, үйгө отуралбай калдым, кана сүйүү үчүн ичеличи! - деп стаканды көтөрдү.

Ширин ичпей койду, нандан жеп, суудан ичип жатты. Шириндин ичпей койгонуна ичинен жини келгени менен сыртынан унчукпай өзү куюп, ичип жатып, кызый баштады.

- Марат аке, кеч кирейин деп калды, мени апам күтүп калды, тез эле келем деп чыктым эле, кетели эми, - деди Ширин тынчсыздана.

- Шашпа, жеткирип коем. Ширин, сени түз эле үйүмө алып кетпейинби? - деди Марат күтүүсүз жерден ага.

- Эмнеге?! - Ширин аны элейе карап, жүрөгү болк этип алды, анткени анын көзү ага коркунучтуу көрүндү. Же бечара кыздын жүрөгү жамандыкты сездиби, негедир Марат ага жаман көрүнүп кетти. Ошол убакта Марат машинадагы отургучтун төшөктөрүн алып чыгып жерге төшөдү, айлана ээн, жымжырт болуп жайдын күнкү күн батууга жакындап, батыштан кыпкызыл нурун чачыратып, жандуунун баарына бейкуттук, ынтымак менен тынчтыкты каалагандай… эртең менен чыкканда пенделеринен жалаң гана жакшылыкты күтүп чыга турган болсом экен деп, тилегендей күн көзү кылкылдап батып баратканда булут тосуп барып көрүнбөй калды. Шириндин жүрөгү түшө баштап, эки жакты элеңдей карап жатты.

- Ширин, айтчы сүйөсүңбү мени?

- Коюңузчу, мен ойлонушум керек, дароо эле жооп айт дебеңиз да…

- Макул-макул, анда кел, эми бир жолу ооз тийип койчу.

- Жок, кыйнабаңыз мени, андан көрө кетели, эмеле күүгүм кирет, эмдигиче апам издей баштагандыр, - деп тынчсызданып турганда, Марат ары көздөй басып, даарат ушатып калды. Анын өзүн көзүнө илбей ары карап алып, даарат ушатканы кыздын жинине тийди да, ошол учурдан пайдаланып, ылдый көздөй жүгүрүп жөнөдү. Ал оюнда ага жетпей калат дедиби же мас болуп калды кубалабайт деп ойлодубу, жан алы калбай чуркап баратты.

Марат шымын бүчүлөп, капарсыз бери бурула берип, ордунда Шириндин жок экенин байкап, эки жакты карады да, төмөн жакта чымын-куюн болуп жүгүрүп баратканын көрүп, машинасына отуруп ызылдата айдап жөнөдү. Бул убакта айланага күүгүм кирип, көз байлана баштаган эле. Жетип машинаны алдын тосо токтотуп, түштү да, карыдан ала булкту:

- Кайда барасың, азыр чогуу кетебиз!

- Кое бериңиз, мен кетем? - деп жулкунду Ширин.

- Түш машинага, өзүм жеткирем, - деп аны калганы ачып отургузуп, өзү рулга отуруп, өйдө карай айдаганда Ширин ыйлап жалына баштады:

- Марат аке кое бериңизчи, өзүм эле кете берейин, апам урушат мени, издеп жатат болуш керек, кое бериңизчи?!

- Азыр, - деп кайра ордуна келип токтотту, ал дагы түндүн киришин күтүп жатты: "Ким билмек эле, эгер бирөөгө айтса өлтүрүп таштайм, айта да албайт, талаага таштап кете берем", - деген ойдо төшөктөрүн кайра алып орундукка төшөп, - Ширин түшүп турчу, төшөктү төшөйүн, - дегенде ал түшүп күтүп калды, бирок ыйлаганы басылган жок.

- Болуңузчу кетели, сиз менен мени бирөө көрсө да эмне дейт, караңгы кирип кетти, суранам Марат аке?!

- Азыр, - деп ары көздөй басты. Ширин анын ар бир кадамынан көзүн албайт. Бир кезде Марат анын маңдайына келип, - Койчу эми, жөн эле ыйлай бересиңби? - деп жоошута көзүн аарчып келатып, шак оозун басып бекем кучактап жерге жыкты да, шымын шыпырып, өз максатына жетти.

Бошой түшкөн кыз:

- Акмак, жырткыч десе, сени түрмөдө чиритем, шашпа сени! - деп бакырып киргенде, Мараттын көз алдына түрмө келе калып, башына бирөө балка менен чапкандай селт эте түштү: "Түрмө дейби, эми түрмөгө түшкөнчө өлгөнүм жакшы. Жакшылыкты билбеген келесоо десе, тирүү жүргүсү келбейт экен да", - деп түрүн буза жанына келип:

- Эмне дедиң, мени зордуктады деп сүйүнчүлөйсүңбү? - деп чачынан кармап чалкалата, - Өлгүң келип жатабы? Жаныңдан үмүт кылсаң, оозуңдан чыгарбагын, азыр үйүңө жеткирип коем! - деп муштуму менен уруп жибермек болуп токтоду.

- Ушундан көрө өлтүрүп сал акмак, эч качан оозумду жаппайм, баары бир милицияга берем, ал эмне десе ошол болсун! - Бакырып түртүп ийгенде, ого бетер жинденип кирди.

- Эй жалап, - өзүң келдиң го, мен сени зордоп салдымбы, кычышып өзүң түшүп алып, эмнеге мага өкүрөсүң, кыйкырба азыр, болбосо азыр өлтүрүп коем, - деп жүрөк тушка бир муштады.

Ширин ык дей түшүп кайра дагы кыйкырып:

- Өлтүр, сага окшогонго кордолуп, басып жүргөнчө өлгөнүм артык! - деп ого бетер кыйкырып качып кетмек болгондо, артынан жетип желкеге койду.

- Эн-неңди жалап! - деди да кайра жонго муштады эле өзөрүп отуруп калды, - Сен мени милицияга бересиңби ыя? - деп өйдө кылды да жүрөк тушка дагы бир койду, кыз чалкасынан түшүп эси ооп калды, кыймылсыз жатып калган кыздын жүрөгүн тыңшап көрдү эле, сокпой калыптыр, негизи ал өлтүрмөк турсун бети-башын көгөртпөй коркутуп коеюн деп ойлогон, бирок чыканактай арык кыз анын соккусунан жүрөгү үзүлүп кеткенби, сулк жатып калды. Айласы куруган Марат аргасы кетип, улам эсине келеби деп түрткүлөп, көкүрөгүн улам ушалап, тумшугуна оозун алып барып дем алуусу токтоп калганын билгенден кийин заманасы куурула башын мыкчый көпкө отурду, анан түрмөдөгү бир окуя эсине түштү, кыз зордуктап түшкөн он сегиз жаштагы жигиттин: "Мен тийген эмесмин, жалган жалаа болчу", - дегенине карабай кечинде смотрящийдин көзү бурулары менен "катын" дешип, кезек менен "чумайлашканын" эстеп ордунан тура калды: "Иги-жигин билгизбей жок кылыш керек", - деп ойлоп сарайдын ичине сүйрөп кирди да, кайра шашылыш чыгып, машинасына отуруп үйүнө жөнөдү.

Барып күрөк алып келип сарайдын бурчунан чуңкур казды да, кызды жашырып үстүнө таштарды, канчадан бери чирип турган чөптүн кашектерин таштап койду да, үйүнө түн ортосунан оой келип жатып калды. Анын кайда барып, кайдан келгенин ата-энеси билген да жок, түнкү уйкуда мемиреп жатышкан.

Ошол бойдон Ширинден дайын болбой Өлмөскан көз жашын төгүп жүрүп, ооруп калды. Батыркул ооруганын билгизбей кирип-чыгып, алардын үйүндө аза күтүү жүрүп жатты. Туугандары эртели кеч келип, кабар алып сурап турганы менен алардын да өз түйшүгү, өз тиричилиги бар. Өлмөскан ыйлап жүрүп, көзү көрбөй арыктап, сүлдөрү эле калган.

- Ээ Өлмөс, бирдеке ичип алсаң боло, - дейт үңкүйүп отурган Батыркул.

- Жүрөккө барбайт, көзүм бүдөмүк болуп калды, кагылайын ай, деги кандай балакет болуп кетти экен, кайда жүрөт деги тирүү болсо, кандай күнөөсү бар эле секелегимдин, кандай гана айла кылам Батыр? - деп өңгөчүн тартып солкулдап ыйлап кирди.

- Аман болсо келээр, жамандык болсо эмдигиче билинип калмак, ошол бирөө менен кеткен го, болбосо дайыны чыкмак, жамандык жерге батпайт деген эмеспи, - Батыркул үңкүйүп отурган калыбында күңгүрөндү, - Ээн баштык кылып жүргөн жокпу, эл караган жүзүбүздү жер каратып, ошондой болсо өмүрү кечирбейм, жүзүн карабай өтөм.

- Аман болсо мейли эле, көзүм көрүп, үнүн уксам кана, сен кечсең кеч, мен кызымдан кече албайм, көзүн аман көрсөм экен жараткан!!! - деп өксүп ыйлап жатты. Батыркул аялынын түрүн көрүп, боору ооруп турду, аз күн мурун эле жайдаңдап күлүп, толугунан келген ак жуумал аял бүгүн жүзү кара чүйкүл тартып, көзү чүңүрөйүп уясына кирип, эч нерсеге алы да, акылы да келбей телмирип гана көз жашын сызылтып отурганы анын зээнин кейитти.

Арадан күндөр өттү. Бир күнү Өлмөскан негедир жатаары менен уктап кетти да түш көрүп жатты. Түшүндө Ширин ээн талаада чачы жайылып, боз адырда жүрүптүр, Өлмөскан аны көздөй жүгүрүп: "Шири-ин, токточу бери, мен апаңмын, токто Шири-ин, деп ыйлап баратып эми жетейин дегенде, ал эски сарайга кирип кетти, анын артына калбай жүгүрүп бараткан Өлмөскан боз туманга аралашып, ал кирип кеткен сарайды таппай жатып ойгонуп кетти. Көрсө ал: "Ширин", деп кыйкырып жатканда ойгоj жаткан Батыркул түрткүлөп ойготкон экен.

- Эмне кыйкырып жатасың, түш көрдүңбү? - деди Батыркул.

- Ооба, Ширин түшүмө кирип жатыптыр, анын чачы жайылып жүрүптүр. Айтчы Батыр, деги кызым аман келээр бекен, милийсалар эмне дейт? - деди Өлмөскан үшкүрүнө.

- Кудайдан башка айла жок байбиче, бир ай боло элек, бир жерде таарынып жүргөндүр, келип калаар…

- Ай жараткан ай, ушу күндүн жакшы жагы бар болду бекен, ыйдын артында күлкүсү бар дешип койчу эле, күндүн түнү болот, каралдым келип калса, биздин үйдө да баштагыдай эле күлкү болоор ээ Батыр?

- Кам санаба байбиче, өзүңдү карма, мынча болду баарына даяр болушубуз керек, тыңыраак бол, уучубуз куру эмес, эки баланын жаны аман болсунчу. - Батыркул түйшөлө ордунан турду. - Байышты каникулга келсе үйлөнтөлү, анан дагы издештирели, көктүгүнө салып качып кетип келе албай жүргөндүр.. .

***

Апсаматты эл чириген бай дешет. Ал көкүрөгүн көтөрүп сүйлөгөн, байлыгына чиренип кесирлене керсейген адам. Баласынын шоктугун, бейбаштыгын бирөөлөр айтып калса, кенебей туруп:

- Жигит болсо шок болсун, шок болбосо жок болсун деген, уулум атасынын доорун сүрө берсин, - деп бакылдап карс-карс күлүп калат.

- Шок болсун деп айтканын, ушинтип жүрүп, баланы жаман кыла турган болдуң, тилдеп койсоң боло? - деди аялы Саадакан.

- Урушканда эмне, жүрөгүн үшүтпөй жөн кой, жүрөгүндө от күйүп турсун, жалтаң болбой баатыр сүйлөп, жоомарт да болот, көрөсүң го уулумду, - Апсамат аялына ормое карады, - Тилдебей баланы өз эркине койгон жакшы.

- Ой, ушу сен баланы жаман көндүрдүң, - деп Саадакан наалый отуруп калат. Күндөп-түндөп өзүнө окшогон балдар менен жүрүп, айылдан тоок уурдап баштап, андан кийин козу-улакка өткөндө арызданып, милицияны ээрчитип келгенде аларга:

- Алаарыңар козубу, же койбу, баламды жайына койгула, уурдалган малыңды менден ал! - деп доочусуна да, участковыйына да бир тийип, берчүсүн берип, тынган учурлары көп болду. Анан аскерге барып, эки жылдан кийин келип, достору менен жүрүп, чоң уурулукка барды. Апсамат Мараттын бул кылыгын ачкалыгынан же жамандыгынан эмес жигиттигинен жасайт деп, өзү баласынын ошонусуна кайгырмак турсун, кубанып калаар эле. Кийин Маратты камап койгонун укканда ачууланып барып, участковыйдан сураса ал:

- Аке балаңызды бул жолу куткара албайбыз, иши оор, - деди.

- Оору кандай, киши өлтүрүппү, илгери мен деген жигит жылкы тийип, жоо жоолаган. Жүрөктүү жигиттер ошону жасайт, суу жүрөктөр энесинин этегине жамынып үйдө отурат, - деп бакылдап начальнигине кирип кетти. Нурабай Жапаров деген начальник менен сүйлөшүп көрүп, уулунун иши оор экенин билген соң адвокат жалдоого өтүп, беш жылга кете турган болгондо, эки жылга түшүрүп, районго жүгүрүп жүрүп, тааныш таап эптеп, мурда соттолбогон дегенди күзгү кылып эки жылга аргасыз көнгөн. Бирок ал камакта жүргөндө аялы күңкүлдөп калса, ороңдоп анын сөзүнө моюн берчү эмес.

- Ой кудай урган, түрмөнү көрбөгөн адам, адам эмес, биринчи ошол түрмөдөн көп нерсени окуп чыгат, бышат-чыйралат, - деп дегеле моюн бербей койду.

- Баланы тилдеп, уруп-согуп тарбияла десе болбой жүрүп, ушуга жетти, сенин жамандыгың, башка балдардай болуп, колуна акча бербей, кайда барып, кайда жүргөнүн сурабай түрмөгө түрттүң.

- Эчтеке болбойт, эми өзү эле эсине кирет, аман болсо келгенден кийин үйлөнтүп коебуз, анан токтолуп калат, - деди Апсамат кенебей.

- Түрмөдөн чыккан немеге ким тиет да, ким кызын берет ыя, өзүңдө дегеле акыл жок, сенин байлыгыңа береби, азыр элдин түшүнүгү башка жаштардын ой жүгүртүүсү бөлөкчө, сенин байлыгыңды тоготуп койбойт! - Саадакан жини келе сүйлөдү.

- Байлык деген байлык кемпир, жанагы этинин кирин соруп, жыртык кийим кийгендерге табылбай эле турбайбы, кээ бирөө айта бергени менен көздөрү кызарып, Апсаматтын малы көп деп суктангандар четтен чыгат, керсейе аялына сөөмөйүн кезеди, - Сен кесирленбей жүрсөңчү, жайы-кышы актан өксү эмессиң, эт-чучук, казы-карта турат, эсирип кеттиң! - деп ачууланып жатты. Кийин Марат түрмөдөн келгенде, ага машина алып берип колуна акчаны уучтатып койду.

- Балам, эми эсиң менен бол, түрмөнү да көрүп келдиң, атаңдын сөзүн укпай, менин акылымды ук, кемчилиң болбосо эмнеге эле уурулук кыласың билбейм, - деп Саадакан уулун жалбара карады.

- Экинчи андайга барбайм апа, түрмөнүн жүзү курусун, - деген Марат чын дилинен айткандай эле болгон. Бирок баягы өзүнө окшоп бир жыл, эки жыл отуруп келген достору менен чогулуп ичип, түндөп келбей калганы кайрадан башталган эле. Саадакан ичинен сызып, үйгө келген сайын, күңкүлдөй урушуп калат, бирок Марат башын жерге салып унчукпай тим болот, дегеле бала күнүнөн ата-энесине каяша кылчу эмес. Бул келишинде билбеген менен эртеси эртең менен наалып кирди, Марат уктап жаткан, анын түндө келип жатканын көрүп, кейип-кепчип жатты.

- Ушу баланын жүрүшү башкача, дагы бир балээнин ичинен чыкпагай эле, кандай болгондо үйгө кармай алам муну, элдин буга окшогон балдары үйлөнүп, балалуу болуп калышты.

- Таң атпай эмне эле наалып жатасың, эми үйлөнтөбүз да, Марат турса көңүлүнө жаккан кызы барбы, сурайлы, - деди Апсамат аялына күпүлдөй. Ошол кезде өзү да туура эмес кылганын кеч билип, ичинен өкүнүп калган эле. Алдыда дагы кандай ызы-чуу жатканын билишпесе дагы сезгендей жүрөксүй түшкөн эле. Марат туруп келип, эртең мененки чайга отурганда Апсамат:

- Уулум, бул арада же башка жерде жактырган кызың барбы, үйлөнүшүң керек, минтип жүрө бергениң болбойт, - деди.

- Ооба балам, үйлөн эми, минтип колоктоп жүрө бербей, - Саадакан күйөөсүн коштоду.

- Кыздарды деле билбейм, өзүңөр таба бергиле да, - деди Марат башын көтөрбөй. Анткени анын түрмөдөн келгенин уккан эл да, үркүп кеткенин байкап калган. Ал эми кыздарга сүйлөйүн десе эле, жүзүн үйрүп, терс бурулуп кетишет. Кээси ачык эле: "Барчы нары, зек", - деп басып кетишет. Ошондуктан ата-энесине анысын атпай, өзүңөр билгиле деп турган болчу.

- Анда мен тиги Эсенамандын кызына сүйлөшөйүн, бойго жеткен кызы бар эле, бизди чанып-танып кетпес.

- Ошол Эсенаман макул болоор бекен?

- Макул болбой кайда бармак эле, бир жылкы, бир уй менен беш миң сом берсем кудай дебейби? - деди Апсамат өз байылыгын ашыкча көтөрө, - Эптеп-септеп жашаган немелер көнөт. - Барып көрчү, анан угуп келесиң, сен бүгүн үйдөн чыкпа макулбу? - деп Саадакан уулун карады.

- Каякка бармак элем? - деп койду Марат.

- Атаң азыр барып бир жооп угуп келсин, оң жооп келбесе, мен өз төркүнүмдөн издеп, сени ээрчитип барып келем, - деди Саадакан.

- Издебей эле кое тургулачы, үйлөнгөнгө көңүл жок! - деп Марат ордунан туруп, ички бөлмөгө кирип кетти.

- Ал эмнең ой бала, ушинтип эле жүрө бермек белең, мына атаң экөөбүздү бага турган сенсиң, агаларың өздөрү менен болуп кетти, кыздар болсо бирөөнүн бүлөөсү экен, картайганда келиндин колунан чай ичебизби же сенин көйгөйүңдү тартып эле, жүрө беребизби ыя? - Саадакан уулунун артынан сүйлөнүп жатты, бирок анын сөзүн укса да, унчукпай ичке кирип, жатып алып ойлоно, шыпты тиктеп жатып калды: "Качан билинип калаар экен, эгер билинбей калса жакшы болот эле, кандай кылсам, үйлөнүп алып, тынч жашай берсемби же шаарга кирип кетсемби, аякка барып иштеп алсам, кыздарды тапса болот да, ушул иш билинбей калса анда кудай берди", - деп көзүн жумуп алып, түндөгү болгон иш, анын көз алдынан кетпей турду. Бул анын убактылуу гана өзүн-өзү соороткону эле, аз күн өткөндөн кийин кыз элеси анын кадамы сайын тынчын алаарын азыр ал сезбеди…

Апсамат түшкө жакын Эсенамандын үйүнө барып аттан түштү, аны көрүп басып келген Эсенаман:

- Кел-кел Апсамат, бу кайдан? - деди колун суна.

- Келип калдык Эсеке, - деп кол алыша учурашып туруп калганда, Эсенаман аны үйгө кирүүсүн өтүндү, ал көп балалуу, колунда жогураак жашагандыктан мектепте уборщица болуп иштеген аялынын жетимиш сому жетишчү эмес, үйгө киргизип алып, алдыга жука-жука нан менен карандай чай койгонуна ичтен уялып турду.

- Уюбуз дагы кеч бооз болуп быйыл актан тартылып кылдык, карандай чай болсо да ичип чык, - деди ал ыңгайсыздана. Алар ошентип отурганда чыт курсак эки бала менен сербейген кыз дасторкондогу сындырылган нандарды бирден талап кетип, дасторкон бош калды, - балдарды кой десең боло, айбандар десе… - деген Эсенаман кызаңдай отуруп калды.

- Мейли, балдарга бергиле, эчтеке эмес, - деген Апсамат сөз баштамак болгондо бойго жеткен кыз эшиктен кирип, ички бөлмөгө өтүп кетти, - Эсеке, келген жөнүмдү айтсам, менде бала бар, сенде кыз бар экен, ошол кызыңды балама кудалап алып берейин деп келдим, - деди Эсенаманды сын көз менен карап.

- Апсамат, кыз али жаш да, быйыл эле бүттү, өзү жакшы окучу эле, колдо жогунан окута албай отурабыз, - Эсенаман кайпалактай калды, - Азыркы жаштарды билесиң го, биздин тилди алабы, албайбы кеп ошондо…

- Ата-энени укпаган бала болобу Эсеке, жаш кезден таанышпыз, бири-бирибизди билебиз, куда болуп ачыбызга айрылып, тогубузга толгоно турган жөнүбүз бар эмеспи, мен анда барайын, силер ойлонгула, - деп Апсамат ордунан турду.

- Көрөөрбүз эми, болбосо кыстай албайбыз, ойлонгондо эмне, балдар бири-бирин көрсүн, сүйлөшүп жактырып калса, биз кайда бармак элек? - деп Эсенаман аны узатып баратып айтты. Аткарып жатканда Апсамат ага берчүсүн акырын айтып, анан узап кетти. Эсенаман анын артынан көпкө карап туруп: "Чириген бай неме акчага алмашам деп ойлосо керек, колунда жок неме кызын бербегенде эмне кылат эле деп жатабы же, баласы түрмөгө отуруп дагы келген", - деп ойлуу үйүнө келди. Ал кирээри менен аялы Нурия ага акырая карады:

- Ийи, түрмөдөн чыккан баласына куда түшүп келиптирби?

- Ооба, ага эле кыз бере койчу ким бар экен, Гүлүмдү өзү каалаганга, өзүбүзгө ылайык жерге берем, анын байлыгына ким кызыкмак эле? - деп аялын жооткотту.

- Байлыгы башынан калсын, кыздан айланбайбы, анын түрмөшүгүнө кызымды бербей калайын, - деп эбиреп-жебиреп жатты Нурия.

- Анын эмнесине эле жебирейсиң, ага кыз берчү ким бар байбиче, чай-пайыңды ичип алып ишиңе жөнө.

- Барам азыр, сен дагы барасыңбы?

- Ооба, барбай анан, бүгүн кароолчулар субботник кылабыз, силер дагы барат чыгарсыңар? - деди дасторконго отуруп жатып, - Айлык тийсе, балдарга шекер алып койчу, жалаң иче албай жаман болуп кетти.

- Эмне кылайын, алган айлыгым кайра айына жетпесе кийим-кечеси, тамак ашы, түшүнбөй эле айта бересиң, сенин айлыгың болсо эчтекеге жатпейт. - Нурия наалып кирди. - Гүлүм болсо бойго жетти, буга дагы элдин кыздарындай кылып кийинтип койбосок, кантип элдин бетин карайбыз, абийирдүү кийими жок, кокус бирөө жарым ала качып кетсе кантебиз, артынан алып барчу эчтекебиз жок, жалгыз уйдун торпогу да токтободу, эшигибизге мал токтобой жарды болуп жан сактадык ко бул жашоодо…

- Кудай берет байбиче, мынабу балдарыбыз буйруса, аман-эсен чоңоюп алса, ушулардан көрөбүз.

Эки-үч күн өткөндөн кийин Марат атасынын айтуусу боюнча, Гүлүмгө жолугуш үчүн атайын алардын үйүн акмалап жүрдү, оңдой берди болуп, Гүлүм үйүнөн чыгып жолго чыкты, анткени ал күндө эле апасына жардам берип, пол жуушуп, анан келе турган, машинада отурган Марат ал келатканда жолун тосо тийишип кирди.

- Чоң кыз, таанышып албайлыбы?

- Барыңызчы ары, таанышкыдай убактым жок.

- Кой чоң кыз, анчалык болбо, кызга жигит тийишет, анан тааныш болуп калат, кана эмесе таанышып коелу, менин атым Марат, - деп жылмая колун сунду.

- Менин сиз менен таанышканга шашылбаганымды түшүнүп коюңуз! - Гүлүм өтүп, кете берээрде ал колдон алды.

- Чоң кыз, аябай сулуу экенсиз.

- Сизге сынап бер деп турганым жок!

- Ачууланбаңызчы, мен сизди көрүүгө ашык элем, эми көргөн соң жаныңыздан чыккым келбей калды.

- Колумду кое бериңиз, кандай уятыңыз жок, - деп Гүлүм андан колун тартып алды, - Азыр жолумду тоссоңуз элди жардамга чакырам.

- Мени уксаңыз, атыңызды эле айтып койсоңуз кете берем.

- Ошол элеби, атым Гүлүмкан! - деп анын көздөрүнө тике карай бергенде Мараттын көзү жалтана түштү, эмнегедир Ширинди көрүп тургандай, жүрөгү болк этип кетти, колун шарт тартып алды да:

- Рахмат! - деп коюп, машинага отургуча шашты, аны Ширин кубалап келаткандай катуу айдап жөнөдү, анын бул түрүнө кыздын күлкүсү келип, чаң уюлгуп калган жолду карап туруп: "Эмнеге шашып кетти, же мени жактырып калды бекен, Марат дедиби, жакшы эле жигит көрүнөт, көрүнүшү жаман эмес экен". - деп ойлонуп, бараткан жагына кадам таштады.

Марат жаман абалга түштү, дал ушул күндөн тартып анын жан дүйнөсүндө дүрбөлөң түшүп жашоосу тозокко айланаары ага али белгисиз, бирок рулда баратып дагы көзүнө Ширин элестеп жүрөгү дүк-дүк этип үйүнө жетип эле өзүнүн бөлмөсүнө өтүп кетээрде Апсамат:

- Кыз жактыбы, уулум? - деп сурады.

- Жакты, - деп коюп, эмелеги көздөрдү эстеп, ичиркенип кетти.

- Жакшы болду, Эсенаман чаап алаар беле, ала качып келе бер!

- Койсоңчу, сүйлөшүп көрүшсүн, - Саадакан күйөөсүн ачуулана карады, - Тийбейм, сүйлөшкөнүм бар деп тойтоктотпой макулдашып, анан алып келсин, чабылып-чачыла бербей.

- Ат-таңадын оозугаччайын катын болгон, кызды ала качып алат да, келгенден кийин эле тынчып калат, - Апсамат аялын сүйлөтпөй сөгүнүп калды. Анын сырын билген Саадакан унчукпай калды.

- Кана, качан алып келебиз, камына берсин апаң.

- Өзүңөр айткыла, - Марат сүйлөгүсү келбей, күңк эте жооп берди, - Качан десеңер ошондо…

- Ап бар-ракелде уулум, анда камына берели ээ, ээ кемпир уктуңбу, бүгүндөн баштап даярдык көрө бер, биз балаң экөөбүз союшту, калыңга бере турганын, ачуу басаарга алып барчуну алып келе берели, - деп Апсамат күпүлдөгөндө Саадакан:

- Мейли, көрсө көрө берейин, келиндерди чакырып, боорсокко салайын, - деди.

- Ошент кемпир, балдарыңды да чакырт, кыздарыңды дагы, келип кудаларды күтүшсүн. Алар ошентип сүйлөшүп жатканда, Марат кыжаалат боло: "Үйлөнүп алсам баары унутулуп кетээр, эч ким деле билбей калды, ушул бойдон билинбей калса убакыт өтүп, мен да өзүмө келип калаармын, коркуп калган окшойм", - деп ойлонуп жатты. Ошол түнү ал аябай жаман түш көрдү, түшүндө баягы эски сарайда жүргөн экен, Ширин баягысындай эле жанында турат, сүйлөшкөндөй болду, эмне деп жатканын билбейт, бир кезде Шириндин түсү өзгөрүп, чачы жайылып, эки колун сунуп Маратты кууп жөнөдү, жүгүрүп келатып үстөмөнүнөн жыгылып кетип ойгонуп кетти, кара терге түшүп калган экен, демигип кадимкидей күйүгө ордунан турду да муздак суу ичти, эшикке чыккысы келди, бирок коркуп ордуна келип жатты, эмелеги көргөн түшү жүрөк үшүн алып: "Бул эмнеси, ал мени кубалаганы эмнеси ыя, арбак билеби, аны өлтүрмөк эмесмин, катуу жүрөк тушка ачуум менен чаап ийбедимби, атайын өлтүргөн жокмун да, тилинен тапты", - деп коркконунан жарыкты күйгүзүп, ойгоо жатып кайра уктап кетти. Ошол түнү бир түштү кайра-кайра көрүп, кыйналып чыкты. Эртең менен аны Апсамат эрте ойготту, уйкудан калган сымал ооруксунуп зорго турду, көздөрү киртийип, чайга отурган Маратты көрүп Саадакан:

- Балам, түрүң эмне, ооруп калган жоксуңбу? - деди аяй карап.

- Башым ооруп, уктабай чыктым, - деп калп айта салды Марат.

- Дары ичип алсаңчы, ысык кыйын болуп кетти, минтип турса чөптү кууратып ийет го, бу маалда мынча ысычу эмес эле, быйыл күн аябай ысык болуп кетти.

- Кечээ ысыкта деле жүргөн жоксуң го, эмнеге ооруп жатат, бирдемеге кыжаалатсың го уулум? - деди Апсамат кыраакы көз карашы менен.

- Эмнеге кыжаалат болмок элем, айта бересиңер да, ооругусу келсе ооруйт да, - Марат жактыра бербей карады, - Мен эми бала эмесмин, дары ичпейм.

- Башың ооруп жатса, ичип алсаңчы?

- Жок, ысык чай эле бериңизчи, - дегенде Апсамат менен Саадакан унчукпай калды.

Ошол күнү Саадакан абысындарын, уул-келиндери менен кыз-күйөөсүн чакырып, келин алып келүүгө даярданып жатты. Таң эрте жайлоого кеткен Марат Апсамат экөө түш оой келип калышты, бака-шака түшүп, жатышып Маратты эки-үч жолдош баласы менен кызды ала качып келүүгө жөнөтүп, күтүп калышты. Убакыт саатты болжогондой эле Гүлүмкан үйүнөн мектепти көздөй чыкканда алар көчөнүн бурулушунда күтүп туруп, кызды улактай көтөрүп, машинага салып жөнөштү. Тыпырап, кыйкырып өкүргөнүнө карабай ырдап алышты. Ага карабай Гүлүмкан:

- Акмактар кое бергиле мени, каякка алып барасыңар, жооп берип каласыңар! - деп кыйкырганда Мараттын жүрөгү солк эте, башына бирөө балта менен чапкандай башы тумандай көзүнө Ширин көрүнө:

- Таштап койгулачы! - дегенде, жанындагы алагүү болгон достору аны делдейе карап калышты, - Кое берип койгула! - деп машинаны токтотту.

- Эмне дейсиң?

- Эмнеге?

- Бул чыныңбы? - дешкенде үнүн баспай кыйкырып, жулкунуп жаткан кызды бир карады да эсине келе түштү.

- Силерге эмне болду? - деп аларга карады.

- Ой ата-аа, сага эмне болгон деги? - Каныбек таңдана карады аны, - Кое берелиби?

- Жок, кеттик үйгө, - деди да машинаны айдап жөнөдү, үйгө жакындаганда да кыздын кыйкырган үнү дал Шириндин үнүнө окшоп, карабай алаксыгысы келип, - Куйчу арактан, - деди Каныбекке.

- Мына, - деп Каныбек ага жүз грамм куюп карматканда, бир колу менен ала коюп, машинаны жайлата жутуп ийди, анан бурула берип, үйдүн короосуна жеткенде сигналды катуу басты эле жабылып чыга калып эшикти ачып жиберишти, ичкери киргенде жабалактаган аялдар басып калышты. Тыбырчылап ыйлап, жулкунган кызды ой-боюна койбой сүйрөп түшүп, үйгө алып киришти.

- Мен баары бир отурбайм, мени кое бергиле, - деп ыйлап жаткан Гүлүмкандын үнү бүтүп кара терге түшүп, жоолук салынбай жатты.

- Кой кызым, кыз жыргаар жерине ыйлап барат деген, биз деле сендей болуп келин болгонбуз, - деди Саадакандын абысыны.

- Ооба десең, кыз бечара ыргыткан таш тура, төрөлгөндө эле пешенесине жазып коет экен да, айла-анайын десе жакшы жерге келдиң, бала дагы абдан жакшы, бактылуу эле болосуң.

- Анан эмне, кыздын бараар жери күйөө болгондон кийин эрте эле тийип кеткени жакшы, канча кыздар эр албай кара далы атанып, бойдок жүрүшөт го, андан көрө эртелеп, орун-очок алып алганың жакшы эмеспи, - дешип жоолукту салдырбай, улам ыргытып жаткан кызды болбой жатып эпке келтиришти. Гүлүмкан ыйлап-сыктап жатып жоолук салынып: "Атам келсе кетип калам, биздин үй мындай эмес, кийин айтып кемсинтсе эмне болот, андан көрө өзүмө тең жок жардыга тийгенип жакшы", - деп үнсүз көз жашын аарчып коюп отуруп калды. Отуруп алып өткөн кеткенди сүйлөп жаткан аялдардын сөзүн угуп, ичинен жаман көрүп жатты. Апсамат үч миң сом менен бир торпок, бир ящик арак, бир коробка конфет менен печенье кылып, эки кишини ачуу басарга жөнөттү. Адегенде эмне болуп кеткенин билбей калган Эсенаман менен Нурия түшүнө албай бири-бирин карап туруп калды. Алардын мындай абалынан пайдаланып:

- Кулдугубуз бар, кызыңар бизге келин болуп барып калды.

- Куда кулдугубуз бар! - деп, экөө эки жактан жарыша айтып жатканда, Нурия эми гана түшүнгөндөй:

- Кулдукту башка жакка айткыла, биздин кызыбыздын күйөөгө тийе турган убактысы боло элек, тынч эле кайра алып келип койгула, болбосо мен милицияга өзүм барып арыз берем! - деди жиндене.

- Кой кудагый, эки бала табышып калыптыр, жеңетайды кабыл алып койгула, - деди Бектур деген жездеси.

- Кудагый уул үйлөп, кыз берүү, ата-энеси үчүн чоң бакыт эмеспи, сизде кыз бар экен, бизде уул бар, кадырлашканга жетеби, башыбыз тартуу куда-кудагый, бир ачууңарды бизге берип кулдугубузду кабыл алып койгула! - Баятан бери унчукпай турган Ашым колун көкүрөгүнө ала кулдук уруп жатты.

- Укпайм, кандай немесиңер, ошол түрмөдөн чыккан немеге мен жаш кызымды беремби, жанына жолотпойм, зекке башка жактан аял таап бергиле! - деп Нурия ажылдап киргенде эки-үч үй ары жакта жашаган бир тууган кайнагасы келип калды, окуянын чоо-жайын уккан соң тургандарга карап.

- Алып келгениңерди алып кете бергиле, биз киши жиберип, кыздан бир жооп алып келели, андан кийин ошого жараша иш кылабыз, - деди салмактуу үн сала, - Эгер зордоп ала качкан болсо, анда келише албайбыз, кызыбыз өтө жаш, айта баргыла бир жеңесин жөнөтөбүз.

- Кыз отуруп калды, бала менен сүйлөшкөн экен, кудалар биз кайра алып кетпейбиз, кайнатам бизди кайра кууп урушат, таштап коелу, анан ылайыгына карап көрөөрсүздөр! - деди Бектур аларды карай.

- Болбойт, алып кеткиле, кыздын ал абалын көрүп, сүйлөшүп көрөлү, ошол кыздын айтканына жараша болобуз, - деп Нурия дагы үйүнө карай басып кетти. Айласы кетип, Ашым менен Бектур бири-бирин карап туруп калышты. Эсенаман менен Нурия агасы Асанаалы үйгө кирип кеткенде, унчукпай машинасына торпокту жүктөп, жөнөй албай сүйлөшүп тура беришти. Асанаалы үйүнө балдардан жөнөтүп, улуу келинин чакыртып ийип, өздөрүнчө кеңешип жатышты. Бул убакта Гүлүмкандын ары жак, бери жагына чыгып жатып, какшанган келиндер башын айлантып жатты.

- Эми сен үйүңө кайра барган күндө дагы эшик аттап, эрден чыгып келди деген атка коносуң, кыздардын айтканына ким ишенет, андан көрө ата-энеңе өз колуң менен кат жаз, өзүм келдим, батаңарды бергиле деп айт, - деди Мараттын улуу жеңеси Урумкан.

- Антпесең өзүң эле жаман атты болосуң, эл ишенбейт сенин жактырбай кеткениңди билбей күйөөдөн чыкты деген атка конуп, сени жигитиң болсо дагы карабай кетет, андан көрө өзүм келдим, ыраазы болгула, мени кечиргиле, деп жазып бер дешип арбап жатып көндүргөндөй болду. Ойлуу улутунуп алды, алдаса болот жаш башты, каргаса болот как башты дегендей алдап, соолап жакшы сөзгө ийитип жоолукту салып, көйнөктү кийгизип, бир сыйрасын алмаштырып, отургузуп коюшканда, жеңеси Сулуукан келип калды, дүргүгөн катын, калачтар бири-бирин түрткүлөшүп, шыбырашып калышканда, Сулуукан кайната-кайнагасынын айтуусу боюнча эч кимисине бой бербей келин отурган бөлмөгө кирип келди.

- Жеңе! - деп Гүлүмкан тура калып Сулууканды кучактап калды.

- Болду-болду, ыйлабай туруп айтчы, өзүң келдиңби, сүйлөшүп жүрдүң беле, ошону айтчы, эгер биерде калгың келбесе, көңүлүң жок болсо алып кетем, - деди анын жашын аарчый.

- Жеңе сүйлөшкөн эмесмин, көргөн да эмесин, мени зордоп ала качышты, - дегенде жаалаган аялдар.

- Кой балам андай дебе, Марат жигиттин эле гүлү, өзүң сүйлөшүп келдим дебедиң беле, эшикти аттап киргенден кийин, сенин кайра чыгышың кыйын балам, кетем дегенди кой, жакшы жерге келдиң, - дегенде Сулуукан аларга карап:

- Өз балаңардай көрбөйсүңөрбү, ошол Маратка өзүңөрдүн кызыңарды берет белеңер?! - дегенде, бири-бирин карап, үнсүз туруп калышты. - Бирөөнүн баласын алып келгенден кийин, бооруңар ооруп койбойт, жаш кызды түрмөдөн чыккан немеге таңып эмне кыласыңар, кое бергиле, кийинки жашоосу силердин эч кимиңерди да кызыктырып койбойт, андай жакшы жер болсо, өзүңөр кыз таап бергиле, муну кое бергиле! - деди ачуулана. Ошондо сырттан Апсамат өзү кирип, босогого туурасынан жатып алды.

- Эми бара бергиле, кетем десеңер эч ким кармабайт! - деди анан аларга карай.

- Ушинтип өлөрмандык кылганыңар болбойт да, жаш кыздын убалына карабай алып калсаңар, эртеңи не болот, кое бериңиз? - деп Апсаматка акырын сурана кайрылды, - Ушунуңар болбойт, уруксат бергиле, уулуңарга башка кыз турган чыгаар…

- Менин уулум десе картаң эмес, жаш кыз дейсиң, Марат картайып калыптырбы, мени аттап өтүп кетсеңер кете бергиле! - деди жай гана Апсамат, - Баламды чанган киши, мени аттап кете берсин!

- Сакалдуу кишинин минткени болбойт да аксакал, жаш кыздын да бактысын байлабагыла! - деп Сулуукан айтыша баштаганда, Гүлүмкан аргасы кете жеңесин тартты.

- Жеңе, сиз бара бериңиз, мен калам, барып милиция алып келбесеңиз болбойт экен, - деди ыйламсырай, - Баары бир отурбайм!

- Сен да, жеңең да үстүмдөн аттап кете бергиле, милициясыз эле жооп бердим, - деп өжөрлөнүп жаткан күйөөсүнө караган Саадакан:

- Көңүлү жок немени кыстаганда болобу, Маратка бул кыз болбосо, дагы бирөө тургандыр, тур чыгарып жибер, ырысын көтөрө албаган немени жалдырап отургуза албайм! - деп Апсаматты колдон тартып тургузмак болгондо, ал сөгүнүп кое берди.

- Эшик аттап киргенден кийин биздин келинибиз болот, андан көрө конок камын көрө бер, буларды кете турган болсо өзүм узатам, - дегенде ал ары басып кетти. Сулуукан үндөбөй туруп калганда Гүлүмкан.

- Жеңе үйгө бара бериңиз, мен калам, тагдырыма эмнени жазганын көрөөрмүн, отуруп калды деп айтып барыңыз, - деп айтканда Сулуукан аны кучактай.

- Ушунуңду туура кылдым деп ойлойсуңбу, кийин өкүнүп калбайсыңбы? - деп бетинен өөп бооруна кысты. Сулуукан өзү Гүлүмканды жакшы көрчү. Ага боору ооруп, ыйлагысы келди.

- Пешенеме жазганы ушул болсо, көрбөскө чарам барбы жеңе, апам менен атамдар мени кечирип койсун! - деп ордуна отурганда гана Апсамат туруп Сулууканга карады.

- Кудагый, сага рахмат, эми отуруп даам сыз, кудай кошуп койсо, куда-кудагый болуп калдык, чын ниетимден айтканымды кабыл ал айланайын, - деди эле Сулуукан уялгандай Гүлүмканды карады.

- Кызыбыз дагы салтты тана албай отуруп калды, менин тилимди алса биерге калбашы керек эле, өзүн аяган жок, сиздерди, мени аяп отурат, мен эми кетейин, өз тагдырын өзү чечти, - деди да, нан ооз тийбей чыгып кете берди…

Гүлүмкан ыйлап-ыйлап, түн киргенде, Маратты келип калабы деп коендой коркуп, бүрүшүп отуруп уктап калды. Марат болсо дос балдары менен ичип жүрүп алды, ал жаш кызды алганына кубанып эрте эле келмек, бирок ал өзүн күткөн жаш колукту эмес, Ширин күтүп жаткансып, көз алдынан өлгөн кыздын элеси кетпей, ичип жатып мас болуп калды. Түн ортосунда аны үйүнө жеткирип коюшту эле, келинге көрсөтпөй башка бөлмөгө жаткырып коюшкан. Таңга маал башы сынып ооруп, ойгонуп алып ойлонуп жатты: "Ширинди билет чыгаар, экөө тең быйыл бүттү, анын дайынын ушул бойдон эч ким билбей калса экен", - деп жатып көзү илинип кетсе, Ширин жанында жатыптыр: "Эй сен, бул жерде эмне кылып жүрөсүң, өлбөдүң беле?", - десе ал аны көзүн чакырайта карап: "Мен качан өлдүм эле, сенин жаныңдамын, сага тынчтык бербейм, Гүлүм сага жар болбойт, андан көрө мага келсеңчи?", - деп колдорун сунуп жатканда, бакырып тура калды. Жанында эч ким жок эле. Туруп жарыкты жандырды. "Өх" деп алды анан, кудай сактап жетпей калды, эгер жетсе мен соо калбайт элем, ал мага өчөшүп калган экен", - деп ойлонуп алды да, уктай албай жата берди, али таң ата элек эле. Таң агараары менен Апсамат кирип келди да:

- Ок ата-аңдын оозунгаччайын десе, катын алып келип коюп, эсиңден кеткиче ичип жүрүп алганың эмнең ыя? - деди ачуулана, - Ушул күнү ичкениңди токтотуп койсоң болбойт беле, келген кызды зорго токтотуп алып отурабыз го, кадыр-салакабызды салып.

- Ичпейм ата, кечээ балдар менен ичип коюптурмун, - Марат башын шылкыйта туруп, кийине баштады.

- Тур, жуунуп кийин да келиндин жанына барып, сүйлөшүп көндүр, жакшылап тааныш.

- Ооба… - Марат атасынын артынан кошо сыртка чыкты. Таза аба көңүлүн сергите бир аз басып жүрдү, негедир кийинки үч-төрт күндөн бери баса-турса эсине Ширин кылт-кылт түшүп, корккондой сезим пайда болуп калды. Марат эч нерседен коркуп же түнкүсүн караңгыны сезчү эмес. Жуунуп алып, төркү бөлмөгө баш бакты, жымжырт бөлмөнүн көшөгө тартылган бурчуна жетип, көшөгөнүн бир четин акырын ачып көрсө, кыз бүрүшүп жатып алып уктап жатыптыр, анын ушул уктап жатканы да көзүнө жакшы көрүндү, көпкө карап турду, анан үстүнө төшөк жапмак болуп жатканда, Гүлүмкан ойгонуп кетип көздөрүн алайта тура калды.

- Жата бер, жата бер, үшүп калгансың го, муну жамынып алчы, - деди Марат ага жылмая, жумшак сүйлөп.

- Уктабайм, - Отуруп алды, бир нерсе болсо эле тура калып каччудай оңдоно коомайланды, эки көзү Мараттан өтөт.

- Менден коркуп жатасыңбы?

- Ооба.

- Эмнеге?

- ? . . .

- Коркпо да, мен эми сенин күйөөң болом, экөөбүз бирге жашайбыз…

- ? . . .

- Ала качып алганга ачууланып жатасыңбы?

- Ооба, ала качпаш керек болчу.

- Кызды ала качып алат да, мен болбосом, башка бирөө ала качмак, туурабы?

- Кетип калат болчумун.

- А эмнеге кеткен жоксуң?

- Атаңыз… - Ыйлап кирди.

- Кой эми ыйлаба, бир түнөп калбадыңбы?

- Түнөгөн жокмун, сиз мени түшүнсөңүз, мени кетирип жибериңизчи, кетип калайынчы? - Гүлүмкан Мараттын жумшак сүйлөгөнүнөн улам, андан үмүт кыла жалооруй карады, - Мен сизди сүйбөйм. Сиз деле жаңы эле таанышпадык беле, кое бериңизчи мени! - деп көздөрүнөн жаш куюла суранганда, Марат андан көзүн ала качып кетти, дагы ошол көздөр өзүн мээлечүдөй коркуп, артына кайрыла өзүн кармап, кызды карабаган бойдон:

- Мен сени сүйөм Гүлүмкан, сен мага капа болбо, эч жакка кетпейсиң, эми менин аялымсың, - деди да чыгып кетти. Гүлүмкан тизесин кучактаган бойдон солкулдап жатты…

Эл Апсаматты кеп кылып, дүңгүрөтө мактап жатып калды.

- Апсаматка рахмат, жанагы алаңгазар, ээнбаш баласынын аялы кыз чыгып, көрүндүгүнө тай бериптир дейби?

- Берсе жарашат эле, жылкыдан эле жыйырмадай бар эмне, ошончо малы туруп, бир тайдан өлмөк беле?

- Ой колу ачыктыгы да, тиги Дөөлөтбек мындан дагы бай турат, келин алганда битиреп келининин астына эки миң сом коюптур го, катуулугун көр, кийин астына барганда зорго эле бир уй менен беш миң сом алып барган имиш.

- Ооба, ага караганда Апсамат адамдык кылды, калыңга берем деп бир жылкы, бир музоолуу уй, он кой алып келип койгон имиш, көшөгөсү келсе эле кайра алдына түшүп, барат имиш.

- Анча эмне шашышат ботом, күздө деле барса болот да, Эсенамандын колунда жок байкуш, эптеп тосот да, агасынын колунда болсо да, анча каралашпайт имиш, бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт деген ырас да? - дешип, ар кимиси ар кайсыны сүйлөп, бирин көтөрө чаап, бирин жерге түшүрө жамандап болбой калышты. Эл оозу элек, элдин оозун ким тыят деп коюп тим болушат. Бирок Апсамат мактоо сөздөрүн угуп, менменсип калат. Арадан жарым ай өткөндө Эсенаман кызынын көшөгөсү менен жарым себин алып келди. Анда дагы көрө албасы, калысы болуп сөз кылып жатты.

- Бечара Эсенаман томаяк эле, кызынын көшөгөсүн кандай кылып алып келди экен, көрүп коелу жүрбөйсүңөрбү? - деди узун кулак Сурмаш.

- Колунда малы болбосо жүрөгүндө, көкүрөгүндө намысы бар, ага-тууганы бар ботом, алып келет да, Апсамат деле берген.

- Ошентсе дагы көрөлү, качан болсо карандай чай менен отурганын көрчү элек, балдарына жайы-кышы агасынын балдарынын эскисин кийгизип багып, келатканын көрүп эле жүрбөйбүзбү, - деди дагы бири, - Келиндин көшөгөсү келсе көрүп келели.

- Көргүңөр келсе анын томаягын, жоктугун айтпай эле бара бербейсиңерби, Эсенаман менен Нуриянын эч кимге зыяны жок, ууру кылып, ушак сүйлөбөгөн жай адамдар, жөн эле жүрсөңөр боло? - деп улуураак аял аларды тыйды, - Сынтаккандын сыңар өтүгү майрык болбой жүргүлө.

- Болуптур эми, кешиктен куруу калбай эртерээк барып, келиндин көшөгөсүн көрөлү, - деп Сурмаш какылдаганда Кермекаш ага!

- Үстүңкү эрдиң менен көктү шыпырып, алдыңкы эрдиң менен жерди шыпырып эле жүрөсүң, өзүңдө да уул-кыз бар, элди айтканча өз артыңды ойлосоңчу, ушул сөздөр кийин өзүңө да айтылаарынан сактан, - деди.

- Мага эле асылып калдыңар, болгула эми, - деп кайпактай алдына түштү Сурмаш.

Чогулуп Апсаматтын үйүнө келишти. Келсе көшөгөсү менен жарым себин алып, Нурия менен сиңдиси Гулия, кичүү кызы Жүзүмкан болуп келип, жайланышып калган экен. Төшөктөрүн жыйып, килем палас, ала кийизди салып коюшуптур, көшөгөнү жаңыча жасап, түл каптап аппак адими кездемеден үч-төрт жерине гүл тагып жасалган экен, таңданып калышты. Анткени колунда жок жарды адам үчүн көшөгөнүн эле баасы бир койлук эле. Килтейген койду союп, карчыга төштү кызга деп, бузбай алып келишкен. Саадакан кудагыйынын наабаттуу, каада салттуулугуна ыраазы болуп, төгүлүп чачылып жатты:

- Кудагый, элдин көөнү бизге бурулуп, келинге кандай калың берди, кызына кандай көшөгө алып келди, - деп сын көз менен карап турган убак. А биздин максатыбыз, балдардын бактылуу болушу, түбөлүк бирге жашап, бала-бакыралуу болуп, силер менен бизди сыйлап ала турган болсун, ынтымактуу болсок деген ниеттебиз, деп Нурияга арак куйду эле ал ичпейм дегенде болбой, - Анда мына бул винодон алып кой, бизге эл ойлогондой мал же чүпөрөк эмес ортодогу ынтымакты бекемдеп, эки балага баш, көз бололу, - деди кыстай.

- Ооба кудагый, ал айтканыңыз туура, эки элди эриктирбей, бир элди бириктирбей сөз менен баскан ушакчылардын сөзүнө кирбей, өзүбүздүн ынтымагыбызды сактайлы, ушул эки бала бактылуу болушсун, өйдө карап катуу айтпаган, көңүлүнө карап көкүлүн сылаган кызымды берип отурам, булардын жакшы жашап кетишине сиз менен биздин тиешебиз чоң, алчу эмес элем, кыз-күйөөнүн бактысы, сиздердин көңүлүңүздөр үчүн, - деп стаканды колуна алды. Келген конокторун сыйлап, кетээринде Нурия менен Гулия Гүлүмканга жолугуп, сүйлөшүп кетмек болушту.

- Гүлүм, акыбалың кандай кызым, күйөө бала дурус эле бекен? - деп кызынын бетинен өбө сурады Нурия.

- Жакшы эле апа, кабатыр болбой эле койгула, андан көрө кыйналган жоксуңарбы апа, карыздар болуп, төлөй албай калбагыла, андан көрө алып келбей эле койбойт белеңер, казга теңелип, карганын буту сыныптыр болуп жүрбөгүлө, өзүңөр кыйналып жатсаңар… - деди муңайым Гүлүмкан апасын аяй.

- Кызым, сенин жүзүңдү жер каратпайлы деп, атаң менен чоң атаң болгонун жасашты, булардын бергенин бүт сарптадык, сен эле ыйлабасаң болду.

- Мен ыйлабайм апа, силерди жер каратпайм, мага ишене бергиле, - деп апасы менен коштошту. Алар жөнөмөк болгондо, Апсамат музоолуу уй жетелеп келип:

- Бул сүт акың кудагый, бүлөөнү алгандан кийин аны сыйлап алуу биздин милдетибиз, жогубузга кайрылып, ачыбызга толгонушаар адамдардан болуп калдык, ыраазы болгула, - деди.

- Кыздан алган байыбайт деген сөз бар элде куда, мунун баары эки баланын кадыры болуп жаткандан кийин сыйга сый, сыр аякка бал дегенди биз дагы билебиз, өзүбүз жарды болгон менен көөдөнүбүз бай! - деди Нурия.

Тургандар анын сөзүнө баа берип, ыраазы болуп калды. Уйду Апсамат инисинин баласынан жетелетип, өздөрү машина менен жөнөштү. Ошентип Марат каада-салт менен кол жеткис сулуу да, таза жаш дагы кызга үйлөнүп калды. Бирок анын алдында кандай азаптуу жашоо жатканын эч кимиси билбеди, бир гана өзү кечтин киришин тозоктун өзү катары көрүп, жүрөгү бир нерседен кооптонуп туруп алды. Жан дүйнөсү дүрбөлөң түшүп, өзүнчө бушайман. Адатта жаңы үйлөнгөн жаштар кечтин киришин күтүп, бактылуу көз ирмемдер, ыссык кучакташуу, узакка өбүшүүнүн ырахатын татууга ашыгышса, Марат алган аялы Гүлүмкандан көзүн ала качып, дал ушул көз караш Шириндин өлүмүнүн бетин ачууга көмөк берчүдөй кубана албады. Гүлүмкан анын жанында өзүн таптакыр жат адамдай сезип, ага бериле албады, анткени Марат ага жакындап, жаш күйөөдөй имерилмек турсун кайсактап эле, алыстап турат. Кээде Гүлүмкан: "Бул мени жактырбайт окшойт, анда эмнеге ала качты, ата-энеси себеп болгон го", - деп аны жалт-жалт карап коюп, ойго батып кирип-чыгып, жумуш менен алек болуп жүрө берет. Марат күндүзү көбүнчө үйгө деле келбейт, достору менен жүрүп, кызуу келип, анан келинчеги менен сүйлөшкөн болуп, түнкүсүн бирге болот. Бир күнү Гүлүмкан түндө төшөктө жатканда:

- Марат, - деди.

- Ийи, - Марат көңүлсүз үн катты.

- Сен мени жактырбайт окшойсуң?

- Эмнеге минтип сурап жатасың?

- Мага көңүл бурбайсың, үйүңө алып келдиң да карабайсың, - Таарына кетти, - Андай көңүлүң жок болсо неге алдың?

- Койсоңчу Гүлүм, мен сени мурунтан эле жакшы көрчүмүн, ошол үчүн озунбадымбы, болбосо сендей сулууга жетпей калмакмын.

- Калп.

- Чын айтам, бир аз чыдай турсаң, мен өзүмдү жаман сезип жүрөм, өзүмө келип алайын.

- Эмнеге андай?

- Билбейм, жаман абалдан чыгалбай жатам.

- Балким-м, мага үйлөнгөнүңө ошондой болуп жаткандырсың.

- Андай эмес, ишенчи мага, бир аз чыдачы, - Марат анын жүзүнө карабай кучактап, төшүнө башын жөлөп жатып алып, - Сени менен баш кошконума жетине албай жүрөм, бирок бир гана нерсе жүрөгүм ооруп жүрөт, - деди. Азыр ал Гүлүмканды карап жүзүнөн өөп, көздөрүн караса эле Ширинди көрчүдөй жүрөгү дүк-дүк этип, корккон түрү бар. Гүлүмкан ойлонуп калды, көптөн кийин.

- Жүрөгүң мурун ооручу беле? - деди.

- Ыя? - Марат анын бул суроосунан чоочуп кетти да, кайра өзүнө келип: "Байкуш, эмнени түшүнмөк эле, жүрөк оорулуу экен деп, ойлоп жатат го", - деген ойдо бош жооп берди.

- Башынан эле ооруйт, врачтарга көрүнүп жүрөм, бирок ата-энем билбейт, аларга айтпа ээ? - деди акырын үн ката.

- Эмнеге айтпайсың, ачык айтып эле жакшылап дарыланып албайт белең?

- Жо-ок, аларды түйшүккө салгым келбейт, жакшы болуп кетем, кабатыр болбой эле кой, - деп Марат чалкасынан түшүп, жатып калды. Гүлүмкан ойлоно анын көкүрөгүнө арткан колун тартып алып, уктамак болуп көзүн жумду. Марат ага боору ооруп, ачык айтып берейин дейт, бирок айталбай чайналып жүрө берди.

Гүлүмкан керээли кечке жаны тынбай жумуш жасап, кайненесин отургузуп койгон. Болгону Мараттын түшүнүксүз мамилесинен гана жүрөгү түпөйүл болуп: "Жүрөгү ооруса ата-энесине эмнеге айтпайт, дарыланса болбойбу, ушинтип жүрө бермек беле?", - деп ойлой берет. Жаш келин күйөөсүнө эркелеп, аны менен ойногусу келет, бирок Марат анын жанында көп болбойт, үйүнө келсе деле бирдемеге алаксып, андан өзүн ала кача берет. Бир күнү экөө тең уктап жаткан, Марат түш көрүп кыйналып жатты, баягы эски сарайда жүрүптүр, Ширин ага кадимкидей басып келет да бир нерселерди айткандай болот, ал ачууланып урушкандай болду эле заматта Шириндин жүзү өзгөрүп, бети башы үңүрөйүп сөөккө айланып, колдорун сунуп аны кууп жөнөгөндө "Аа-а!", - деп жүгүрүп баратып, жыгылып түшөөрү менен ойгонуп кетти. Аны Гүлүмкан түрткүлөп жатыптыр.

- Эмне, жаман түш көрдүңбү?

- Ооба, - Марат оор дем алып, - Көптөн бери бир эле түш көрө берем, бул эмнеси экенин билбейм, - деди.

- Кандай түш?

- Жаман, айтууга оозум дагы барбайт, сүйлөгөн сөздөрүн укпайм…

- Анда апама айтып көрбөйсүңбү?

- Эмнеге?

- Алар эски кишилер да, куран окутуп көрсүн, же сага дем салдырыш керектир, корккон белең?

- Жо-ок.

- Балким коркконуңду билбей калгандырсың…

- Айтса айтып көрөйүнчү.

- Ошент, ооруну жашырсаң өлүмгө тете деп коюшат го улуулар, айтпай жүрө берсең болбойт.

- Эртең менен апама айтайынчы, - Марат ушинтти да унчукпай жатып калды: "Эмнеге менин түшүмө кирип кубалайт, кан куткарбайт деген чын окшойт, мени жетсе алып кетмек го, кой атама эле айтайын түшүмдү, кары киши түшүнөт, көп нерсени билет", - деп ойлонуп жатып таң атырып ийди, Гүлүмкан болсо мемиреп, таттуу уйкуда козголбой уктап жаткан. Ичи элжирей жаш келинчегин өпмөк болуп, эңкейе бергенде эле Гүлүмкан эмес, Ширин көзүнө көрүнө бакырып тура калды, анын үнүнөн катуу уктап жаткан Гүлүмкан да, ата-энеси да чоочуп кетип кирип келишти.

- Сага эмне болду балам? - Саадакан Маратка үрпөңдөй карап сурады.

- Эчтеке… - Тултуя жооп берди.

- Катуу кыйкырдың го? - Апсамат анын жүзүнө карап, - Ушу сенин өңүң өзгөрүп баратат, бирдемеден чоочуп жүрбө? - деди.

- Жо-ок, чоочуган деле жокмун.

- Анда эмнеге кыйкырдың?

- Апа, - деп ошондо Гүлүмкан, түндө дагы ушинткен болчу, бул түшүнөн чоочуп жүрүптүр, ачык айтпай жатат, - деди.

- Тургула анда, анан сүйлөшөлү, - Апсамат ушинтти да тура элек, уул-келининин үстүнө кирип келгенине уяла чыгып кетти.

- Эмнеге жашырасың ыя, түштөн чоочуганды оюн көрүп жүрөсүңбү, тур да ашканага чык! - деди Саадакан баласына ачууланган болуп. Унчукпай экөө тең кийинип, сыртка чыгып чай ичип отурганда, Марат көргөн түшүн кайта-кайта көрө бергенин айтты эле, Апсамат түлөө өткөрмөк болуп улакка жөнөттү. Эртеси шаршемби күнү түлөө өткөрүп, улактын этинин бирин калтырбай салып, куран окутту да таратып ийди. Ошондон кийин анча кыжаалат болбой калды. Бир күнү ал айылдын четине чыгып бирөө аны мажбурлагандай эле сарай жакка машинасын бурганын сезбей да калды. Бирок сарай жакта эки машина турган эле. Жайкысын ал жакка машина менен жаштар көп барып эс алышчу. Ал машиналарды көрүп, кайра артына кайрылды: "Эч ким билбей калса да арбак билет тура, эми ушул бойдон тынчып калса экен", - деп ойлоп, үйүнө келди. Билинбей эле арадан үч ай өтүп кетти, Гүлүмканды төркүлөтмөк болуп, камданып жатышты. Кийим-кечени алып, бир кунан койду союп, кант-конфетти салып алып, эки машина менен он киши жөнөдү. Бир жылкы, он кой, бир уйду он төрт жашар небереси айдап, жол менен артынан баратты. Жайы менен Нурия абысындарынын жардамы менен үй ичин оңдоп, тамынын сыртын Эсенаман инилери менен шыбап, актап тыңып да оңолуп да калышкан. Нуриянын колунан баары келчү: "Жок болсо, жооруң чукуй бу", - дегендей жоктун азабынан эле чүнчүп жүрүшкөн, төшөктөрдү курап, жаздыкчыларга мисирейтип тиреп койгон. Гүлүмкан ичинен: "Үйдүн жупунулугун көрсө эмне дешет эми, ушунча кишини кантип тосушат, уят болбогой эле", - деп ойлонуп келе жатып, үйдүн жанына келип, токтогон машинадан түшүп жатып, кубана түштү. Көңүлү сергий тосуп чыккандар менен учурашып, үйгө кирип келип, өзү өсүп чоңойгон үйгө кирбей эле чоочун үйгө кирип алгандай болуп кетти. Кубанганын айтпа, кайын журтунун алдында жүзү жарык боло түштү: "Ырас оңдоп коюптур, жакшы болгон экен", - деп ойлонуп жатты.

- Кудалар, дасторконго карагыла, - деди Асанаалы карыя кол жаңсай. - Кандан улук, нандан ыйык нерсе жок, илгертен ата-бабабыз нан-кымыз менен этти танган эмес, тамактын улугу нан болсо, дүйнө жүзүндөгү пенделердин улугу аял экен. Анткени аял эне, адам тукумун көбөйткөн ушул аялдар эмеспи, кел кудагый - куда нандан алгыла!...

Марат кайын-журтунда эки-үч күн чыдай алмак эмес эле, Гүлүмкан менен сүйлөштү да эртеси баса берди. Эне бала өздөрүнчө кобурашып отурганда, Нурия минтип калды:

- Силер менен бүткөн бир кыз аяксыз жоголуп кеткен тура, ата-энеси менен бир сиңдиси издештирип жүрөт, классташтарын кыдырып сурап жатыптыр, кечээ сени издеп келген экен.

- Кимдин кызы, аты ким экен? - Гүлүмкан апасына суроолуу карап калды.

- Ой, ылдыйкы айылда жашайт го, тилимдин эле учунда турат, иий баса Батыркул дегендин кызы экен.

- Ширинби?

- Атын кайдан билем?

- Качан жоголуптур?

- Үч айдан өтүптүр, чак түштө үйүнөн суранып чыгып эле, үйгө барбай калыптыр…

- Жаман болуптур, кайда кетти экен? - Гүлүмкан ойлуу жер карап калды, - Эркерээк, анан жакшы эле кыз болчу.

- Жүрүш-турушу жакшы беле?

- Жакшы эле болчу.

- Бечара табылып эле калсынчы, эне-атага баланын азабын салбасын кызым, энеси байкуш ыйлай берип, көзү көрбөй калган имиш, атасы ооруп жатат дейт.

- Жаман болгон экен байкушка…

Марат үйүнө келип, өз бөлмөсүнө өттү. Кечке көчөдө жолдош балдары менен жүрүп, кеч келген эле. Саадакан ага тамак ичесиңби? - десе жок деп койду. Төшөк салбай эле башына жаздык коюп жатып алды. Жарыкты өчүрбөй уктай алчу эмес. Туруп өчүрүп кайра жатты. Уктап кетти. Канча убакыт уктаганын билбейт жанында Ширин жаткан экен, чоочуп тура калды? "Эй сен каяктан келип калдың?" - деди эле "Келбейинби, сен мени сүйөм дебедиң беле?" - деп жылмайды: " А сен өлүп калдың эле го?" - деп тура калып, кубаламак болгондо, дароо бети өзгөрүп дагы баягысындай эле эки колун арбайта сунуп, өзүнө асылганы калганда Саадакан келип:

- Балам, сен эмне болуп жүрөсүң, ушу сенде бир балээ бар, мындай эмес элең, чоочудуңбу дагы? - деп жанына отура калып чекесин басты.

- Эмне болмок эле, эчтеке болгон деле жок, түш көрүп чоочуп кеттим окшойт, - деп сыр билгизбей жатып алды.

- Кудай колдосун балам, түшкө эмнелер кирбейт, жаман жерди басып алгансың го, минтип чоочуган адатың жок эле? - Саадакан кейип-кепчип Маратты жаш балача оозуна колун салып ап-аптады, - Садага болоюн десе, башыңа бычак коюп, келме келтирип жатчы.

- Бара бериңизчи, жата берем да, - Марат апасынын сөзүн жактыра бербей, ары карап жатып алды.

- Келме келтирчи балам, жатаарда ар убак келме келтирип жатсаң тынч уктайсың, - деп онтолой ордунан туруп бөлмөсүнө жөнөдү, Апсамат ойгоо жаткан, кемпиринин сүйлөнүп, келатканын угуп:

- Эмне болуп кетти? - деди.

- Марат эле, чоочуп ойгонуптур, кыйкырганынан жетип баргам, жаман түш көрдүм дейт, балаң кургур, жаман жерди басып алганбы…

- Молдого дем салдырып койсом окшойт, түндөсү бакырып тура калса, келиндин дагы жүрөгүн түшүрөт, анан экөөнү тең оорутуп алып, азабын тартып жүрбөйлү дем-пем салдыралы.

- Ошентпесе болбойт, соо эмес бу бала, бир балээ болгон…

- Кудай сактасын, жаш эмеспи аңды-дөңдү карабай жүрдү, бир-эки жолу дем салдырып койсок жакшы болуп калат, - Апсамат кам санабай кайрадан уйкуга кетти. Ал дагы Мараттын үнүнөн чоочуп ойгонгон болчу. Марат болсо жата албай үйдүн ичинде ары-бери басып жүрдү. Кийинки үч ай ал үчүн тозокко айланган жашоо болду: "Эмне кылсам, милицияга барып чындыкты айтсам бекен, же акырындык менен унутулуп калабы, балким дем салдырсам кантет, эмнеге ушул ишке бардым, өзү дагы кыйшаңдап калбадыбы, эч кимдин көрбөгөнү жакшы болду, анан машинага оңой эле түшүп бергенин айт, анын ажалы жетип, менин шорум тартып турганбы?" - деп ойлонуп жатты. Бирок бир чечимге дагы эле келе албады. Пенде бечаранын тирүүлүктөн үмүт чоң, максаты бийик болот эмеспи, жарыкчылыкты денеде кан жүгүрүп турганда, кыя албай түбөлүк жашоочудай өмүрдүн ар бир күнүн шаттык менен өткөрүүгө ашыгат. Марат дагы жаштыгын бекер өткөргүсү келбей ошол күнү капысынан эле жолугуп калып, Шириндин өлүмүнө себепкер болгон эле…

Гүлүмканды бир жумадан кийин Марат барып алып келди, аны Саадакан менен Апсамат болбой жатып жөнөтүшкөн, болбосо ал аял эмес өз алапайын таппай жүргөн болчу. Негедир аны жаман көрүп кетчү болду, ага чейин кээ кээде эле эстей калып, жүрөгү болк этип алганы болбосо, тынч эле жүргөн. Гүлүмкандын көзүнө биринчи жолу тике караганда, анын көздөрү Шириндин көзү болуп көрүнүп, ошондон бери жаны жай албады. Бирок ата-энесин кыялбай барып алып келди. Эсенаман семиз кой союп, карчыга төшү менен боорсок, майда ббарат кылып келип калды.

- Кудагый-куда жакшы жатышабы балам, жакшы эс алып келдиңби? - Саадакан келинин күлүп, тосуп алды, - Сага көнүп калыптырбыз, бир капшытыбыз эңшерилип зорго чыдадык.

- Жакшы эле жатышат, салам айтышты.

- Саламатта болсун, ырас келдиң балам, Маратка дем-пем салдырбасак болбойт, чоочуп тура калып эле жүрөт.

- Дагы эле ошентип жатабы?

- Ооба, кечээ дагы бакырып тура калды.

- Коркуп калса, ошентчи беле апа?

- Ооба, жаштыкка салып, аңды-дөңдү карабай жүрүп, жаман жерди басып алгандыр, чоочуганы ошондон го?

- Билбейм, - деген Гүлүмкан өз бөлмөсүнө кирип, кийим которунуп чыгып, жумуш жасаганга киришти.

- Бүгүнчө эс алып алчы балам, байыркыдан калып бүтпөгөн иш деле жок, - деп Саадакан жан тарта сүйлөдү.

- Эс алып келдим апа, атамдар деле сен бирөөнүн бүлөөсүсүң, үйгө келгенде коноксуң дешип жумуш жасатпайт, - деп ичинде кири жок чын пейили менен айтып жатты Гүлүмкан. Саадакан аны мээримдүү жылмая карады, - Андан көрө өз үйүңө кызмат кыл дешет.

- Түшүнүктүү кишилер да, болбосо ошентмек эмес, - деп ыраазы болуп турду, - Ошентсе да эс ал кагылайын, - Саадакан келинин көз токтото карап: "Бирдемеси бар окшойт, талгак болбойт экен, кусуп отурбай, өзүмдү тарткан экен", - деп кымыңдап алды. Анткени, Гүлүмкандын апакай жүзүнө билинээр-билинбес майда тактар пайда болуп, мурдунун үстүн ноктолой баштаган эле. Гүлүмкан үндөгөн жок, өзү деле жаткысы келип турган, уйкусу келип, кийинки күндөрү көп уктачу болуп бараткан. Марат үйдө жок эле, ички бөлмөгө кирип жатып алып, уктап кетти. Саадакан тим койду, кыраакы неме кош бойлуу экенин билди.

Ошол эле күнү кечинде Марат аябай мас болуп келди, бутунан туралбайт, Гүлүмкан унчукпай жаткырып койду, анын кээ-кээде иче койгону ага жакпай турду, Маратка жан кайгы болуп жатканын ал билген жок. Ошондон тартып, Марат күндө кызуу келет, ан сайын ирээнжий баштады, аңгыча ичи бүлк этип, алганын байкап, боюнда бар экенин сезип: "Эми кайда барам, ичимде балам турса кантип кетем, андан көрө Маратты ичпе деп айтайын, балабыз болот дейин, кубанат чыгаар, сөзсүз кубанат", - деп өзүнчө кыялданып алды.

Ошол күнү эртең менен тургандан кийин:

- Марат, - деди ал маңдайына келип.

Марат андан көзүн ала качып:

- Эмне болду? - деп кийинип жаткандай алаксымыш болду.

- Мени тике карачы, сен мындан ары ичпечи, менин боюмда бар, биз балалуу болобуз, сен ичип жүрсөң болбойт.

- Чынбы? - деген менен көйнөгүн бүчүлөмүш этип жатып суроо берди.

- Ооба, эмнеге калп айтмак элем.

- Рахмат, мени аябай кубантып койдуң жаным, - деп кучактап алып, жүзүнөн өөп жатып, дагы көзүнө карабоого аракеттенип жатты…

***

Шириндин аяксыз жоголушу Батыркул менен Өлмөсканга кайгы жүгүн артып, бири көзү анча көрбөй, бири төшөк тартып жатып калып, жарым жыл дегенде Батыркул кайраттана доктурга көрүнүп, эми эки уулу үчүн да жашамак болду. Врачка көрүнүп, дарыланып, дурус болуп калды. Өлмөскан болсо түшү оңолбой ыйлап жүрүп, көз жашы түгөнгөндөй да болду. Акыры кызынан үмүтү үзүлүп, тирүү көрбөсүнө ишенди. Көргөн түшүн жакшылап эстей да албай, бүдөмүк боло берди. Түшүндө Ширин көрүнүп, анын артынан ээрчий баратып эле, эски сарайга жеткенде бозоргон туманга аралашып, таппай калат да ойгонуп кетет, ошол сарайды кайдан көргөнүн эстей албай кыйнала берет. Бүдөмүктөнгөн көзү менен эптеп, кирип-чыгып жүргөндө Батыркул ооруканага жатып дарыланып чыгып Өлмөсканга:

- Өлмөс, байбиче экөөбүз Шириндин азабынан өлүп калбайлы, аман жүрсө бир күнү жарк этеп кирип келээр, эми сени да көрсөтөйүн, дүйнөдө өзүңдүн жашооңдо көз болбосо жашооң курусун, - деди үшкүрүнө.

- Көз көрбөсө курусун, эми мага жашоонун кызыгы да калбай калды, көрүнгөндө эмне…

- Кой байбиче, Жаныш жакында келип калат, Байыш болсо окуусун таштап коем дегенинен, кой дедим байбиче, өмүр улана берет тура, Шириндин кайгысы бизди кыйнап кетти, үмүтүбүздү үзбөйлү, өзүңдү кармап доктурга көрүн, - деп башын жерге салып күңкүлдөдү.

- Апа, апакебай карачы чачың агарып да кетти, Ширин эжем аман-эсен эле болуш керек, коркпоңузчу апаке, аябай кыйналдыңыз го? - деп Лилия ыйлап жиберди, - Атамдын тилин алыңыз, врачка көрүнсөңүз.

- Кагылайын десе, өлөйүн десем жан таттуу, үмүт жетелеп туруп алат, кантейин айлам жок… - Өлмөскан муңайып үнсүз ыйлап жатты, колунан келсе дүйнө жүзүн түп көтөрө кыдырып, кызын таап келмек, бирок пендесине андай мүмкүнчүлүктү бербеген тура жараткан.

- Кайгырбачы апаке, Жаныш акем келсе сизди көрүп кейийт го, ал келгенче өзүңүзгө келип, көзүңүздү көрсөтүп алсаңыз, он күнгө жетпей келем дептир го?

- Мейли, баламды капалантпайын, ага айткан да жокпуз, келгенде угаар…

- Ошентсең байбиче, бүгүн даярданып ал, эртең Лилия экөөбүз алып барып көрсөтүп келебиз, - деп кубанып кетти Батыркул, - Балаң кубанып келип, экөөбүздүн түрүбүздү көрсө кантет, ичинен кейип кайгырат да.

- Каралдыларым десе, Байыш дагы санааркап кетти ээ?

- Эмне кылсын анан, шаардан дагы издештирем деп кетти.

- Кой ушул үчөө үчүн да жашоого тийиш экенбиз, айла канча, - деп улутунуп отурганда Нурматтын апасы Гүлбүбү кирди:

- Жакшы жатасыңарбы, оо шордууларым ай, чегирткедей кыздын азабынан курудуңар го, кайраттуу болсоңор боло, адамдын башынан нелер гана өтпөйт, күтпөгөн окуя өтүп турат экен, кайгы-касыретти көтөргөн пенде көтөрүп, көтөрө албаганы өтүп кете берет экен, - деп наалый отура кетти, - Ботом ал кызды үмүт менен күткүлө да, капырай анын жамандыгы жок эле жоголуп жатпайбы, келип калат бир күнү, белиңди бек бууп эсиңди жый, келиним.

- Аргабыз жок да жеңе, балдар турат, ошолорду да ойлошубуз керек болуп турат, Шириним ширин кыз эле, айла жок, аман болсо келип калаар, көзүбүз өткүчө күткөнүбүз күткөн да-а… - Батыркулдун үнү каргылдана муңканып кетти.

- Айла канча, ойлоп алып биздин деле кабыргабыз кайышып кетип жатат, кудайдын кандай кылаарын билбейт экенсиң да киши, көп жамандыкты ойлобой жакшылык менен жашап, өзүңөрдү да карагыла, - деди Гүлбүбү Өлмөсканды карай, - Энесиң да-а, түшүнүп эле турам, айлаң канча, Жаныш менен Байышты да ойлогула, экөө тең үйлөнө элек, ошолордун чайын ичип, сыйын көргүлө, Лилияны күйөөгө берип, тынганын көрүп кубангыла, анан Ширин да бир күнү келип калаар, же бала көтөрүп күйөөсү менен келип калабы? - деп үмүттөрүн жандыра сүйлөдү.

- Андай болоор күн кайда-ан жеңе, түшүм жаман, бир эски эле сарайга ээрчитип барат деле туман каптап көрүнбөй калат же сарайдан же кызымдан дайын жок талаада жүргөн болом, - деди үшкүрүнө Өлмөскан.

- Кудай сактасын, минтип келбей жатканы эле, өзүң да ойлонуп жатпайсыңбы, - деген Гүлбүбү ичинен ойлонуп калды, бирок сыртына чыгара алган жок: "Кудай ур, анда ал кыз киши колдуу болгон окшойт, кандай айбандын колуна түштү экен, андай кыйшаң-мыйшаңы деле жок эле", - деген ойдо калды, - Кой, силерден кабар алайын деп эле келгемин, үйгө барайын, - деп тура жөнөдү.

- Келип тур жеңе, келиниңди болсо көрүп турасың, ушинтип чырактай кызыбыздын өлүү-тирүүсүн билбей кайгы тартып отурабыз, ушундайда туугандын жакшы сөзү да жөлөк болот экен, - деп Өлмөскан ыйламсырай кала берди.

- Келбей анан, - Гүлбүбү босогодон чыгып баратып, артын бир карап, бир кезде бактылуу бабыраган үйбүлөнүн минтип томсоруп отурганы зээнин кейитип, көзүнө жаш келе калып, - эк курусунчу ушул дүйнөң, - деп баратты өзүнчө күңгүрөнө.

Убакыт билинбей өтүп, Жаныш бир күнү аскерден келип калды. Ал айылдын ортосуна келип, анан ата-энесине сүйүнчүлөтүп, бир он-үч, он төрттөрдөгү өспүрүмдү кармап алды:

- Эй жигит бери кел, кимдин баласысың?

- Токтобектин.

- Батыркул дегенди билесиңби?

- Ооба.

- Анда ошонукуна балаңыз келатыптыр сүйүнчү, деп айткын макулбу?

- Макул, - деди да ал жүгүрүп кетти. Өзү ал баланы жөнөтүп коюп, жай басып артынан бара берди. Ал өзүнчө кубанып, эргий апасынын кулач жая жүгүрүп келатканын, эки карындашынын жетип келип, мойнуна асылып жатканын, атасынын: "Ийи солдат, акыбал кандай?", - деп сурап анан бооруна кысып учурашаарын көз алдына тартылта келе берди. Бирок апасы көрүнбөдү, ириде Лилия үйдөн жүгүрүп чыкты, келип эле мойнуна асылып ыйлап:

- Аман келдиңизби, Жаныш аке? - деп кучактап өөп жатты, кыздын бой жетип калганын сезип, андан ары эки көзү ата-энесин издеп жатты.

Бир кезде Батыркул чыкты, апасынын карааны көрүнбөгөнгө, атасынын арыктап бет сөөгү оркоюп кеткенинен шектене Лилиядан:

- Апам кана, апам үйдө жок беле? - деп сурап ийди.

- Апам үйдө… - Лилия жер карай күнөөлүүдөй үн катты.

- Эмнеге чыкпайт, мени сагынган эмеспи? - Ыйлагысы келип, жанына жете келген атасы менен кучакташа көрүшүп, анан:

- Апам эмнеге чыкпайт? - деди да жүгүрүп, үйгө кирип, анын отурганын көрүп эле, - Апа, апа сага эмне болгон?! - деп кучактап ыйлап ийди.

- Каралдым десе, кой ыйлаба, аман-эсен келдиңби, садага? - жеп жүзүн, чачтарын сыйпалап жатканда Жаныш чыдабай кетти.

- Апа, эмне болду деги, көрүнүшүңөр башка да, Ширин көрүнбөйт, көзүңө эмне болгон? - деп суроо үстүнө суроо берип жатты. Батыркул кирип келди да:

- Уулум, өзүң жөнүндө айтчы, бизди коюп, кандай келдиң, ал жакта эки жыл кыйналган жоксуңбу балам? - деди жай салмактуу, - Жол алыс, кыйналдың го, отуруп даам сыз, кардыңды тойгузуп анан сүйлө балам, - деп Лилиянын жайган дасторконунун четине отуруп, жанына орун көрсөттү, - Кел балам. Жаныш бир жамандык укчудай жер карай апасынан көзүн албай келип отурду, Лилия чай куюп сунду. Анан унчукпай отурган Өлмөсканды бир карап алып Батыркул болгон окуяны айтты. Уулунун келгенине кубанган Өлмөскан ыйлабады, жөн гана атасы айтсын дегендей өзүн кармап отурду. Көптөн кийин гана.

- Каралдым десе, сени тосуп чыкпай, кантип отуруп алмак элем, Ширинимден тирүүлөй айрылып көзүм көрбөй отурам, аман болсо келээр, айлабыз жок, силердин жаныңар аман болсунчу жамандары-ым, - деп буркурап ийди. Жаныш апасын кучактап ыйлап жатканда, Лилия өзүнчө ыйлап жатты. Ошол күнү коңшу-колоңун чакырып түлөө өткөрүштү, демейдегидей бака-шака түшкөндөр жок, жымжырт отуруп баталарын берип, кетип жатканда гана Өлмөскан.

- Ушул айылдан, чак түштө бир адам көрбөптүр ээ кызымды, демейде топурап ойноп жүргөн балдардын көрбөгөнүн кара, жок дегенде бирөө жарым көрүп калса эмне-е? - деп буркураганда жакын коңшусу жанына келип:

- Ошондой болот экен да, ошол күнү бир адам көрбөптүр, карасаң баары эле үйдөн чыкпай калганын, же ал кыз кайып болуп кеттиби десең, - деди көңүл улай, - Өлмөскан кейигенден эмне таптың, кудай сүйгөн пендесин ошентет имиш, балким кудурети күчтүү кудайым асманга алып учуп кеттиби ким билет?

- Көзүм кашайып үйдө эмне кала бердим десең, кошо чыксам эмне, күндөгүдөй эле барып келип калат дебедимби? - Көпкө ыйлады дагы. Ар кимиси көңүлүн улап жакшы сөзүн айтып жатып анан коштошту. Жаныштын кабагы карыш түшүп бир тууганын кантип издээрин ойлонуп жатып калды. Үйүнө келгенде аны мындай кайгы күтүп турганын билген эмес эле…

Эртеси эле ага достору, классташтары, кыздар келип учурашканда дароо эле Ширинди кандай кылып табаарын ойлоштуруп бир-бирден сураштырмак болду. Алар ага:

- Жаш балдар көргөнүн айтат, ошолорду алдап сураш керек, - деп бири айтса:

- Жо-ок, атайын акмалап жүргөн бирөө эч кимге көргөзбөй алып кеткен, - деп бири айтып жатты.

- Бул айылдагы камалып келгендерди бирден аңдышыбыз керек, балким ошолор камап жүргөн болбосун?

- Чын эле, алардын изине чөп салыш керек, биздин айылда канча киши бар түрмөгө отуруп келген?

- Бешөө бар, бири Апсаматтын баласы, ал үйлөнгөндөн кийин үйүнөн чыкпай калды.

- Жо-ок, досторуна кошулуп ичип эле жүрөт, - деп талашып-тартышып жатып жыйынтыкка келгендей болду.

Ар бири бирден шектүүлөрдүн эмне кылып жүргөнүн, кандай жумуш бүтүрүп, кайда бараарын иликтеп чыкмак болушту. Бир ай бою артынан түшүп, Жанышка айтып тура турган болуп токтолуп анан өздөрүнчө көпкө сүйлөшүштү. Жаныш келгенден үч күндөн кийин Байышка учурашып келмек болуп шаарга кеткенде Батыркул менен Лилия Өлмөсканды врачка көрсөтмөк болуп доктурга келе жаткан. Ошол убакта Марат менен Гүлүмкан дагы ээрчише учетко турмак болуп келатып Марат тык токтой калды, өңү бозоруп кетти. Ал Батыркулду таанычу, көрүп эле же алдыга же артка кадам таштай албай туруп калды.

- Эмне токтоп калдың? - деди алдыда кетип жаткан Гүлүмкан кайрыла калып.

- Мм, жөн эле, Гүлүм мен тигиндей туруп турайын, сен кирип көрүнүп чык, уят го менин ээрчип алганым, - деп артка карай андан жооп күтпөй эле басып кетти.

- Эч жакка кетпе, мен бат эле чыгам, - Гүлүмкан ылдам басып кирип кетти.

Марат Шириндин ата-энесин көрүп алып, эмне кылаарын билбей өзүн-өзү сөгүп, тилдеп жатты: "Акмакмын, ушулардын убалы мени уктатабы, байкуштарды мен кыйнадым, кызынын өлүү, тирүүсүн билбей азап тартып кыйналганын карачы", - деп жүрөгү ооруп чыкты. Алардын жанындагы татынакай бойго жеткен кызды көрүп: "Бул кичүү кызы болсо керек, бир үйбүлөнү кайгыга салдым, мени кудай кечирээр бекен, мендей мыкаачынын жаныңарда турганын, кызыңардын чыркыратып жанын алган жаналгыч мен экенимди билсеңер кантээр элеңер, кечиргиле мени, кечиргиле?!", - деп ары карап жан дүйнөсү сыздап турганда Гүлүмкан келип маңдайына өтүп карап таңгалып турганын байкабай: "Мен акмак, мен акмак", - деп жатты.

- Сен эмне болуп жатасың?

- Ык, - деп карай салып өзүн тикирейе карап турган көздөн жүрөгү болк этип кетип, - Жо-ок, жо-ок жого-ол! - деп чымын куюн болуп жүгүрүп жөнөдү. Чоочуп кеткен Гүлүмкан дел боло туруп калды: "Буга эмне болгон, ооруп калган жокпу, же бир балээси барбы, өзүнчө коркконуна караганда мунун бир сыры бар", - деп ойлоп үйгө келди. Саадакан келинин көрүп эле:

- Марат кана? - деди, анын тынбай иче бергенинен улам болбой жатып кошуп берген, - Капырай каякка кетирип ийдиң?

- Мен кетирмек белем, апа? - деди да болгон окуяны айтып берип: - Балаңызды баса окутпасаңыз болбойт апа, минтип жүрсө…

- Артынан акмаласаң болмок экен, эми кайда кетип калды кокуй күн, Апсамат дагы жок эле, - Чыйпылыктаган Саадакан короодон чыгып жолду карады. Тынчы кетип жатканда Апсамат келип калды. Ага болгонун айтып эки жакты карап кел деп жөнөтүп ийип отуралбай жолго чыкты.

- Апа, кармап кала албадым, ал тургай укмуштай чуркады дейсиң, коркконумдан өзүмдү жоготуп кое жаздадым.

- Капырай, ага деги эмне болуп жүрөт, кудай сактай көр, аман болсо экен, - Саадакан өзүнчө сүйлөнүп тынчсызданып жатканда Апсамат кайра келди.

- Эч жерде жок, кечинде келет да, - деп үйгө кирди.

- Келип калса экен, ага эмне болуп жүрөт ыя атасы, эми үйгө келсе жакшылап дем салдырчы, тиги молдоңун салган деми таасир берген да жок окшойт?

- Тиги өйүздөгү Токтор молдону алып келейин, бул соо эмес, катуу чоочуган экен, этиет кылбасак болбойт.

- Кандай балакет болуп кетти деги, алдын албасак болбойт, - деп абышка-кемпир кабатырланып, улам сыртка чыгып жолду карап жатышты. Гүлүмкан өзүн күнөөлүү сезип, өзүнөн-өзү кыжаалат. Бирок аны күнөөлөшкөн деле жок. Тыпылдап өз ишин билип жасап жүрсө, ким жаман көрмөк эле. Анын үстүнө ичи дагы билинип калган. Саадакан аны аяп турат. Күүгүм кире Марат кызуу келди.

- Кайда бардың балам, кош бойлуу аялыңды таштап коюп, каякка жүгүрүп кеттиң? - Саадакан көрөөрү менен сурады.

- Келбедимби, - Күңк эте ичкери кирип кетти.

- Ой бала, ооруну жашырсаң өлүм ашкере деген, сырыңды айтпай өзүң менен өзүң болбой сүйлөсөң боло, жок дегенде аялыңа айтсаң болбойбу?

- Эмнени айтам апа, сырым деле жок, жөн эле түшүмдөн чоочуганымды айттым го?

- Түштөн чоочусаң кудай сактасын, эртең Токтор молдону алып келип дем салдырам, үйдөн чыкпа, - деп Апсамат уулуна ишенкиребей карады.

- Үйдө эле болом.

- Анда тамак ичип алчы, - Эне өнтөлөй карады.

- Ичпейм, жүрөккө эчтеке баспай жатат.

- Кандай балакетке кабылдың экен деги, түштөн чоочуганы эмнеси, тилди албай жүрө берип түнкүсүн жин-шайтандарга жолугуп калдыбы, ай кудай ай, түбөлүгү түз болсунчу, деги, - деп күбүрөнө баласын ар балээден коргогусу келгендей чебелектей берди эне. Гүлүмкан унчукпай тамак ашын жасап жүрө берди. Негедир бүт денеси ооругансып салмактанып калганынан эрте эле жаткысы келип жатты. Врачка көрүнүп, ичиндеги түйүлдүктүн төрт ай болуп калганын билген, ичи бүлк-бүлк этип кыймылдап жатты. Жатып алып ичин сыйпалап кубанып алды: "Кызбы же уулбу, Марат болсо кубанганы же кубанбаганы белгисиз, анда эмне деген сыр бар, неге туруп-туруп эле жиндидей болуп кетет, эмнеге антип жүрөт", - деп ойлонуп бүлк эткен курсагын сыйпалап дагы жылмайып алды.

Ал ичинин ооруганы бир аз басылып калганга көзү илинип кетти. Марат шырп эттирбей келип төшөктүн четине жатып калды. Анын жатканын сезип көзүн ачкан Гүлүмкан.

- Марат, - деди.

- Ийи.

- Эмнеге бакырдың жана?

- Жөн эле, сурай бербечи.

- Эмнеге жооп бербейсиң?

- Жооп берип эле жатам го?

- Сенде бир сыр бар, же ала турганың башка.

- Кайдагыны айтасың, сенден башка менин таанышым деле жок, таарынбачы эми, - Ал ары караган бойдон айтты, келиндин жүзүнө тике караса эле бир балээ болчудай болот да турат.

- Жана эмнеге бакырып качтың, мен коркподумбу?

- Корко бербе да.

- Жөндөн жөн эле бакырып жүгүрүп кетсең кантип коркпойм, аз жерден эсим ооп кала жаздады.

- Кой уктайлы, менин башым ооруп турат.

- Дары ич.

- Ага болбойт.

- Эмнеге?

- Жөн жатчы, көп сүйлөөчү болдуң да?

- Макул, сүйлөгөнүм жакпаса сүйлөбөйм.

- Жакшы жат, - деди да, Марат унчукпай калды. Гүлүмкан ызаланды, ушунчалык жини келди, бирок дагы чыдай тургусу келди, - Эрте туруп бир жакка барам, бир аз күнгө мага убакыт берчи, жакшы болуп кетет баары, сени мен жакшы көрөм, бирок бир нерсе болуп, өзүмдү-өзүм кармай албай жүрөм, баары өтүп кетет, - деп өзүнчө сүйлөп жатты, Гүлүмкан унчуккан жок: "Убакыт өтсө эле, өзү ордуна келип калмак беле, көрөөрмүн аны дагы, балким ачыкка чыгаар", - деп ойлонуп жатты. Түн бир оокум, Марат дагы түш көрүп жатты, түшүндө Гүлүмкан ичиндеги баласын төрөп алган имиш, аны Ширин талашып жатыптыр, бир кезде баланы тартып алды да ары карай кетип жатты, Марат ага жиндене баласын талашмак болуп жүгүрүп жөнөдү, эми жете бергенде, Ширин бери карай берди эле анан бети сөөк болуп көрүндү, колундагы баланы караса ал дагы ошондой, артка кетээнчиктеп баратып жыгылып кетти. Ошол убакта ойгонуп кетип, Гүлүмкандын ичи ооруп ыйлап жатканын көрдү:

- Эмне болду?

- Ичим, ичим ооруп жатат, апамдарга айталбай жатам.

- Азыр, - Марат кийинип турду да апасын ойготуп келди.

- Карангүн ай, чоочуп калган го, доктурга алып бара коелу, сен машинаны жүргүз, - деп шашыла келинин кийинте салып, эшикке алып чыкты. Заматта төрөтканага жетишти. Аны көрүп, кан кетип жатканын көрүшүп: "Баланы эмес келиниңизди сактап калышыбыз керек", - дешип Гүлүмканды операция жасаганга даярдап кирди. Аргасыз Саадакан менен Марат макул болушту, көп кан кетип, бала тура эмес бүтүп калганын айтып, эки сааттай убакытта зорго бүтүштү. Гүлүмкан үч күндөн кийин зорго эсине келип, баласынан айрылганына ыйлап жатты. Марат ого бетер өзүн жогото ага жолобой да калды. Ооруканадан чыккандан кийин Гүлүмканды ата-энесиникине алып кетишти. Тыңыганча жүрсүн дешип тим койду. Марат ичкенин көбөйтүп, күнү куруу эмес, эчтеке билбей келип жатса тынч уктайт. Ата-энеси айласы куруп, бир ай өткөндө Гүлүмканды алып келишти. Ал жашоосунан үмүт үзүп койду, Мараттын мүнөзүн өзүнө жасаган мамилесин ойлонуп, андан түңүлүп жатты. Марат дагы эки-үч күн ичпей жүрдү, бирок ал өзүнүн жашоосунда болуп жаткан окуялардан улам тирүүлүктөн үмүт үзүп койду. Апсамат Маратты молдого дем салдырып көрдү, ошол кездерде бир аз кабагы ачылып жакшы жүрөт. Анан аны көзү ачыкка көрсөтмөк болду. Ошол кезде көзү ачыктар көбөйө баштаган, өлүп тирилген көзү ачыктын сансызына алып барышты. Нурлан деген жаш бала:

- Араңарда адамдын канына забын болгон бирөө бар, аны арбак ээрчип алган, күнөөсүз кызды өлтүргөн адамды ал ээрчитип кетмекчи, - деди көзүн жумуп отурган калыбында.

- Ким экен? - деди бирөө.

Сеанста отургандардын кээ бири ыйлап, кээ бири күлүп, дагы бирөөлөр бийлеп ырдап, көбү уктап жатышкан эле. Марат анан дагы экөө-үчөө сеанстын күчүнө баш ийбей карап отурган болчу. Марат унчукпай отура берди, көптөн кийин апасын карап:

- Кеттик апа, булардын жомогуна мен ишенбейм, андан көрө молдого баса дем салдырып сакайып кетээрмин.

- Макул балам, көңүлүң сүйгөндү кыл, - деген Саадакан аны ээрчий сеанстан чыгып кетип жатканда Нурлан:

- Сиз калыңыз, сиз менен сүйлөшчү сөз бар, - деди.

Марат апасын бир карап, Нурланды бир карап токтоп калды. Эл тарап кеткенден кийин алардын жанына келген Нурлан.

- Сиз качып кутула албайсыз, андан көрө мойнуңузга алышыңыз керек, болбосо өзүңүзгө жаман болот, - деди.

- Кайдагыны айтып жатасың, көзү ачык десе эле болбогонду айта бересиңерби? - деди да тура калды Марат.

- Анткениңиз менен сизди тооруп турат, аялыңыз менен жашатпайт, кыйналып өтүп кетесиз, - дегенде эчтекеге түшүнбөгөн Саадакан.

- Ээ айланайын, эмне деп эле жатасың? - деди делдейе.

- Эне, ал жокто айтайын, көрүнбөсө калпты кайдан айтмак элем, балаңыз киши өлтүргөн, айланасын арбак тегеректеп алган, ал зыян кылышы мүмкүн, мойнуна алып сөөктү көмүүгө жардам бериш керек.

- Карангү-үн, дагы эмне дейт кокуй, ай бала ушул чынбы, андай болсо мойнуңа ал кокуй…

- Эмнени, болбогонду мойнума алгыдай жинди эмесмин! - деп ачуулана, апасына да карабай басып кетип калды. Саадакан Нурланга карап чын бышыгын билмекке:

- Балам, киши өлтүргөнүн кантип билдиң, андайга барышы мүмкүн эмес эле, башка бейбаштыгы бар эле, - деди ишенкиребей.

- Эне, балаңыз болгондо дагы жаш кызды өлтүргөн, өлүгү көмүлбөй калган, балаңызга тынчтык бербейт, эгер ачык айтып, кепиндеп көмүлбөсө жаман болот, өзүнөн-өзү жок болот, түшүндүрүп айткыла! - деди.

- Капырай де, кандай болот эми, ачык айтса түрмөгө түшөт да? - Аргасы куруй сурады.

- Түрмө түшкөн жок, балаңыз дагы ачык айтпайт, бир жыл дегенде баары ачыкка чыгат, ага чейин өзүнчө аракет кылат, бирок эчтеке чыкпайт, - деди Нурлан. Саадакан унчуга албай туруп жөнөдү, Мараттын чоочуп бакырып жүргөнүн, жаман түш көрдүм деп айтканын ойлонуп үйүнө келди. Келсе Марат үйгө келбептир, ал күйөөсүн короо жакка чакырып барды да укканын айтты.

- Иттин баласы десе, эмне эле башкача болуп баратат десе, бул коркуп жүргөн турбайбы, эми эмне кылдык, келинди үйүнө жөнөт, өзүбүзчө сүйлөшөлү, жаш неме коркуп такыр жолобой жүрбөсүн, - деди Апсамат ачуулана.

- Анан эмне кылабыз, колубуздан эмне келет, канткенде андан арачалып калабыз? - Саадакан күйөөсүнөн бир айла тапчудай сурады.

- Эмне кылмак элек, өлүп калгыча түрмөгө түшө берсин, акыры келет да, ачыкка чыгарып сөөктү көмүш керек.

- Олдо-о кудай ай, эми эмне болот? - деп Саадакан үйдү көздөй басты. Кайната-кайненесинин өздөрүнчө сүйлөшүп, жашыруун жакка кеткени Гүлүмканды таң калтырды. Саадакан келип эле, - Балам, Маратты жакшылап көзү ачыкка көрсөтүп, дем-пем салдыралы, сен куданыкына бара тур, жакшы болгондо өзү барат, - деди кайпалактай. Гүлүмкан кийим-кечесин алып алды да үйүнө жөнөдү: "Эмнеге антип жүрөт, эмнеси ооруйт болду экен, мени жөн эле кетирмекке ошентип жатабы, жо-ок мында бир сыр бар, чыдайын акыры билинээр", - деп ойлоп кете берди.

Марат өзүнчө ойго батып, аракка тоюп алды да, кечтин киришин күтүп жатты. Күн мурунтан кетмен күрөктү алып салып койгон. Күүгүм талаш: "Эмне болсо дагы көрдүм", - деп сарайды көздөй жөнөдү. Жетип-жетпей машинасы өчүп калды, канча аракет кылса да от албай сарайдын ичине жөө кирип болжолду жерге жарык кылып ача баштады, адегенде эле жаман жыт мурунду өрдөй бур этти. Кетмен менен эки-үч жолу тарткандан кийин колунан кетмен бирөө чапкандай ыргып кетти, өзү чалкасынан түшүп, фанариги бир жерге түшүп калды. Кайра туруп барып машинадагы арактан куюп жутуп алып келип, кетменди көтөрө бергенде ачуу үн кулагын жара дагы көзгө көрүнбөгөн нерсе аны түртүп жиберди. Жыгылып жерге катуу тийди, ошентип түнү менен арак ичип алып, сөөктү акка ороп эч кимге айтпай көмүп коем, деген ою ордунан чыкпады. Чарчаганда машинага келип отуруп, калган аракты ичип алып, от алдырса жүрүп кетти. Артка айдап айылга кире бергенде арт жаккы орунда бирөө отургандай жүрөгү болк эте тормозду тепти:

- Сен өлгөнсүң, өлгөн адамда күч жок, сен мени жеңе албайсың, андан көрө мага тынчтык бер, - деди өзүн токтото Марат.

- Сен менин жаныма келгенде гана тынч жашайсың! - деген үн алдынан угулгандай күңгүрөп чыкты.

- Жо-ок, жаңыласың, мени тынч кой деп жатам! - деп жанында ар дайым алып жүрчү бычакты алып аны бери жакка булгап кыйкырып жатты, - Жогол дейм, сен өлгөнсүң, өлгөнсүң дейм!!! - Рулга башын жөлөп, бетин басып алып бакырып жатып уктап калды, бычак менен сайгылаганда жымжырт болуп, алиги неме жок болуп кетти.

Марат ошол бойдон күн тийе ойгонсо, айылдын четинде экен. Башы ооруп калыптыр, кылган аракети ишке ашпаганына жүрөксүп бир туруп милицияга барууга белсенсе, бир туруп убакыт өтсө эле баары унутулуп калчудай, үмүткө жетеленип, өзүн кармана берди, үч-төрт күн катар үйүнө да келбеди. Апсамат менен Саадакан тынчсызданып жатты.

- Марат кайда кетти ыя? - деп кабатырлана Саадакан күйөөсүнө карады.

- Ким билет, үйгө келсе аныгын сурап билсек болот эле…

- Ошону айтпайсыңбы, балаң кургур, жөндөн жөн чоочубаган экен, кыйкырып тура калып жүрүп, Гүлүмканды чоочутуп коюп, баласы да жок болду.

- Башка келгенин көрөөрбүз байбиче, колу менен кылса мойну менен тартат да, - Апсамат сыртынан камырабаганы көрүнгөнү менен ичинен сары-санаа болуп жаткан.

Ошол түнү Марат аябай мас болуп келди, ал ичке кирип баратканда, Апсаматтын ачуулуу үнү аны тык токтотту.

- Эмне дейсиңер деги, үйгө да тынч жаткырбайсыңар го, мени өлгүчө кыйнабагылачы?! - деди токтогону менен бурулуп карабай. - Мен бүткөм, уктуңарбы? өзүмө-өзүм кылдым, антейин деген эмесмин, оюма да келген эмес, капысынан болду. Ооба-а, силер чындыкты билгиңер келип жатабы, мен кыз өлтүргөмүн, оорулуу болуп баратам, акыры ошол кыз алып кетет го, - деди да кирип кетти.

Апсамат менен Саадакан унчукпай тиктешип туруп калды. Азыр мас, эртең менен аныктап сурайлы деген көз карашта болду. Уулунун түрүнөн чоочулашып, өздөрүнчө бушайман болуп кандай арга табаарын билбей жатып, Саадакан көзү ачыкка жолугуп, жолун сурап келмек болду. Түнү бою Марат кобурашып, бирөө менен сүйлөшкөндөй болуп чыкты. Ата-эне эмне кылсын, аргасыз уйку көрбөй уулунун тагдырына кыжаалаттанып, таң эрте анын бөлмөсүнө ээрчише кирди.

- Марат, ээ Марат, турчу балам.

- Тур сүйлөшөлү, ойгончу уулум, - деп түрткүлөп, урушкандын ордуна жакшы айтып, сурамак болуп ойготуп жатышты.

- Уктап алайынчы, анан турам, - Марат болбой чүмкөнүп алды, ал сезип турду, ата-энеси чындыкты сураштырат. - Мени тынч койгулачу кудай жалгагыр!

- Ойгонсоң боло сүйлөшөлү, минтип качанкыга жүрөсүң ыя? - Апсамат ачуулана сүйлөдү, - келинди үйүнө кетирдик, чечишип алышыбыз керек?

- Ошент балам, тура гой, өзүбүзчө кеңешип алалы, - Саадакан чачынан сылай эркелете жумшак сүйлөдү.

Марат апасынын колунан жылуулукту, мээримди сезди, көмкөрөсүнөн жаткан бойдон ыйлап жатты, үнсүз көз жаш төгүп, ата-энесине ушул азыр чындыкты айткысы келип турду. Көптө барып анан өйдө болду да:

- Мен бир кызды өлтүрүп койгомун, ал жакындан бери тынчтык бербей калды, мындан ары кантип жашаарымды билбейм… - деди.

- Коркпо балам, жолун табалы, ал кыз ушул айылдык беле?

- Ооба…

- Кимдин кызы, кокуй тиги Батыркулдун кызы болуп жүрбөсүн? - деп Саадакан чоочуп кетти.

- Болду, акырын сүйлө, - Апсамат аны тыйып койду.

- Шашпа балам, айта бер, анын сөөгү кайда?

- Тиги төштөгү сарайды.

- Карангү-үн, карангү-үн! Алар кызынын дайынын билбей жинди болуп кете жаздап жүрүшпөйбү, жалгыз кызы болчу!

- Үйүндөгү кызычы? - Марат апасын карады, - Бир кыз жүрөт го?

- Аны багып алышкан.

- Мм, - деп койду, ошол бойдон ойлонуп отуруп калды.

Саадакан болсо кайдадыр жөнөдү да Нурланга жолугуп, сүйлөшмөк болуп кезек күтүп калды. Эл аягы суюлаар эмес, түш болгондо араң кирди.

- Келиңиз, - деди Нурлан, - Эне, силер туура эмес ойлонуп жатасыңар, ачыкка чыгарышыңар керек эле, убакытты созуп жатасыңар, балаңарды сактай албай каласыңар, - деп Нурлан ал сурай электе эле айтты.

- Ачык айтканда кандай болот, баланы соттоп жиберишет да, айланайын?

- Баары бир кылмышы ачылат да?

- Ошонун жолдорун сураганы келгенмин, кандай болгондо баламды сактап калам? - Саадакан Нурланды жалооруй карады.

- Эне, андан аркысы бүдөмүк болуп жатат, балаңыз аны таза эмес жерге көмгөн.

- Кокуй ай, эми эмне айла кылам?

- Бара көрөсүздөр, мен билгенимди айттым, башка сурабаңыз, - деди да өз ишине киришти.

Саадакан үйүнө капалуу келди, аны көргөн Апсамат:

- Эмне дейт? - деди үмүттөнө.

- Эмне болсун, ачык айтыш керек дейт, андан башкасын айта албайм дейт.

- Иш чатак экен анда, бул акмак бала бизди тирүүлөй тозокко салды го? - Апсамат айласы куруп ары басты, үнсүз үйдүн ичинде тынчтык өкүм сүрүп турду, бир кылмыштын айынан эки үйбүлө азаптын азабына кабылып, өз-өзүнчө кайгыда өмүр сүрүп жатышты. Марат болсо ачык айтып айыбын мойнуна алууну түк ойлободу, ойлосо да көзүнө түрмө элестеп, тынч алалбай жиндидей абалга келип баратты…

Жаныш милицияга бара берип тажады, арадан сегиз ай өттү, Өлмөскан болсо көзүн операция жасатып, мурдагыдай көрүп калды. Бирок жүрөк башындагы бармактай кара так пайда болуп, өмүрүнүн аягына чейин айыкпас ооруну жүктөнүп алды. Батыркул адамдар менен көп сүйлөшпөй, өзү менен өзү болуп жүрө берчү болгон. Баягыдай бака-шака түшкөн үйбүлө жок, тамак ичкенде бир-бирден ичип, туруп кетип калышат. Өлмөскан көзү көрүп, баштагыдай болбосо да тың эле, үй жумушуна көңүл бургусу келбей отура берет.

- Батыр, ушинтип эле Ширинимди көрбөй өтүп кетемби, ушул өмүрдө көзүмдүн карегиндей көрүп, баккан жалгызымдын өлүү тирүүсүн билбей арманда өтөмбү? - деп Өлмөскан муңкана күйөөсүн карады.

- Ээ байбиче, анчалык эле чөгө бербе, кудайдын жазганын көрөөрбүз, тагдырга таарынганда аргабыз канча, келип калаар, - Үңкүйүп отурган бойдон үн катты.

- Кандай күндө калды каралдым-м, - ыйлап кирди, - Өлгөнүн көрүп калсак дагы топурак суутат беле…

- Өлүмгө ыраа көрбөй калалы, айла жоктон айтылган сөз да-а, тескери жолдо жүрөбү, балалуу болуп калдыбы, кандай болсо дагы аман-эсен көзүн көрсөк болот эле….

Көпкө унчукпай калышты. Жаныш кирип келип:

- Ата, Ширинди бирөө өлтүрүп кетсе керек, айылды бир шумдуктуу сөздөр аралап кетиптир, - деди отуруп жатып.

- Ал эмне деген сөз экен? - Экөө тең уулун карап калды.

- Айылдын чет жагынан түндөсү өткөн адамдарга чачы жайылган кыз жолугуп, же алыстан көрүнүп, коркконунан түндөсү чыкпай калышыптыр…

- Кудай ай, аны өлтүрүп талаага таштады бекен, оо жараткан, чырагымды чыркыратып туруп жанын алган кандай канкор болду экен?! - Өлмөскан буркурап ийди.

- Баласың да-а, балким таптакыр башка немедир, чын бышыгын билбей эле жоруй берген кантип болсун, андай көрүнүш боло берет, - Батыркул уулу менен аялын карады, - Илгертен адам басып, жашап келген жерлер, андайлар эчен болгон, эне бала өлгөн жолдордо, ачка элдин сөөгү бар, кийин-кийин түздөтүп отуруп, билинбей калганда ал жерге адамдар отурукташып, жол түшөт, ошондуктан кандуу жол деп айтылат, Ширинге ким кастык кылмак эле, бейкүнөө кызды ким өлтүрө коймок эле? - деп Батыркул аларга акыл-насаат айтып жатты…

Бирок айыл ичинде ар кандай сөздөр жүрүп жатканы чын эле. Бир күнү кеч келаткан Артыкбай деген киши аты кошкуруп, баспай туруп алганынан, алды жагын карабай эле жинденип камчы салып.

- Атт-ааңдын ооз-зугур-райын десе, чү! - деп жүткүнө берип, алды жагында ак кийимчен чачы жайылган аял турганын көрөт, алласы оозунан түшө атты теминип, - Чү-чү дейм! - деп болбой камчысын оңду, солду чаап жатканда баягы аял тээ тоо тарапка кол жаңсап көрсөтүп бирдеме дейт, бирок анын үнү угулбайт, көрүп турган Артыкбай аны карагандан коркуп атынан күчүн чыгарат. Ошол кезде баягы, аял сарай жакка учуп бараткандай болуп каалгый кетип бараткан болот, ал жылаары менен ат ордунан жылат. Үйүнө кеч келген Артыкбайды аялы тосуп алып:

- Эмнеге кеч калдың? - десе.

- Үйгө киреличи, кудай бир сактады, - деп үйүнө киргенден кийин көргөнүн айтып берет, - Эртең эрте түлөө өткөрбөсөк болбойт, кайдан да кеч калдым эле…

- Капырай андайды эзели уккан жок элек го?

- Кайдан билем, аппак көйнөктөн буту колу көрүнбөйт, бетин узун чачы жапкан аял, болду-болбоду арбак болуш керек, бир жардам сурагандай болду, - деп аялына айтып отуруп, муздак суу ууртап отуруп калды.

- Өткөндө тиги Керимкулдун баласы дагы ошондой аялды көрдүм деп жүргөн, зыяны жок арбак окшойт да, зыяндуу болсо ал көрүнгөн адам соо болмок эмес, - деп тим болуп калышты.

Эртеси улак союп түлөө өткөрүп, молдо чакырып куран окутту, ошондо Бердике молдо:

- Парвадигар, парвадигар, бул бир бейкүнөө, киши колдуу болуп өлгөн бечара болсо керек, өлүгү көмүлбөй калгандыр, - деди.

- Өлүгү көмүлбөй калса ошентеби?

- Анан эмне, өлүгү көмүлбөй, ак кепинделбей калса арбак да тынч жашай албайт, элдин тынчын дагы ала берет, бейкүнөөлөр зыян кылбайт, ал өзүнө жардам сурап жаткан го?

- Ээк кудайы тоб-бо, өз көзүм менен көрдүм го, буту жок, учуп бараткандай болуп өйдө карай кетип калды, - деп Артыкбай жакасын карманды.

- Ошонун артынан барганыңарда анын өлгөн жерин көрмөк экенсиң, анан аны эл чогулуп жерге коюш керек болчу, ошондо гана тынчыйт, - деген Бердике молдо бата кылып ордунан турду. Артыкбай көргөн билгенин айтып жатканда Кайсарбайдын аялы сөзгө кошулду.

- Тээ бир ай мурун менин балам беш алты бала менен төш жакка барып ойноп жүрүп кеч калган экен, караңгы киргенде бир кыздын ыйлаганын угуп коркуп сарайга кирип бекинип калышкан го, ыйлаган үн күчөп жакындан ыйлаптыр, улуураагы: "Жүр бирөө жалгыз караңгыда кеталбай коркуп жаткан го, биз көрөлү деп сарайдын ичин кыдырып жүрүп, жакшынакай кийинген кызды көрүп жанына барып сен кимсиң деп сурамак болгондо ал башкача болуп кубулуп тура калган имиш. Коркуп кеткен балдар артына карабай жүгүрүп кеткенде, кичирээги басалбай артта калат, бири барып аны жетелей жүгүрөт. Ошол бала азыр ооруп төшөктө жатпайбы, жаш неменин жүрөгү түшүп калыптыр, - деп сөзүн бүтүрдү.

Ошондон кийин уу-дуу кеп сөздөр угулуп, түнкүсүн баскандан коркуп калышты. Батыркул менен Өлмөскан деле уккан менен эмне кылат, өз ичтеринен сызып жүрө беришти.

- Ата, эгерде Ширин тирүү болсо минтип жүрө бермек эмес, ал өзү коркок анан боорукер эмес беле, аны бирөө өлтүрүп эле койгон, мен талааларды кыдырып, жаңы көмүлгөн дөбө болсо издеп казам! - деди Жаныш.

- Койсоңчу балам, көргөндөр кызынан кийин баары жинди болуп калышкан го дебейби, эч ичи-жиги жок, дайын-дареги билинбесе деле жерди казып, акылынан айнышкан экен байкуштар дешпейби? - Батыркул баласына ачуулана карады, - эсиңерди жыйгыла, Ширин аман болсо келет, болбосо кайып болду деп, бир жылдан кийин куран окутуп мал соебуз. Андан көрө Байышты быйыл үйлөнтөлү, жыйырма төрткө чыкты, окуусун да бүтүп калды.

- Ооба, Байышты үйлөнтпөсөк болбойт, сен деле бой жетип калбадыңбы, уулум, - Өлмөскан акырын үн катты.

- Мен Шириндин бир дайыны билинмейинче үйлөнбөйм!

- Мейли эми, Байышты үйлөнтүүгө камыналы, - деп Батыркул эшикке чыгып кетти.

Эч кимиси үндөгөн жок. Лилия үй тиричилиги менен алек, керээлден кечке кир жууп, нан жасап, тамак бышырып жаны тынбайт. Жаныш анын жанында жардам бере коюп экөө шыбырашып күлгөн болот, Жаныш аны сүйүп калганы менен ачык айтууга даабайт. Кыздын оюнда эч нерсе жок, ал аны бир тууганы катары жакшы көрөт. Туугандары бир күнү чогулуп келип Батыркулга кеп баштады.

- Батыркул, бу Ширинди ушул эле айылдык бирөө өлтүргөн болсо керек, өткөндө сеанста отурганда ким экенин ачык айтпай эле туюк айтыптыр, кандай кылып билебиз, жаш кызды өлтүрүп, силерге кайгы касирет тарттырып коюп, өзү басып жүргөн немени өрттөп ийиш керек! - деди улуу агасы Ашыркул.

- Ооба десең, бирок кантип анын ким экенин билебиз, мына туура он айдын жүзү болду, эч дайынын билбей өзүңөр жаман болуп отурасыңар го?

- Ай ошол чын болуп колубузга тийсе колун-кол, бутун-бут кылып бөлүп кетет элек го?

- Койгула балдар, - деди Батыркул салмактуу, - мынчалык болду, дагы өзүнөн-өзү билинет, кудай бар болсо жазасын берээр, кызуу кандуулукка салбагыла.

- Жазасын кудай берсин деп тим койгондо ал жүрө бербейби, кудайдан көргүчө жаш кызды өлтүрүп коюп жыргап жүрсүнбү, биз анын аныгын билсек жазаны өзүбүз беребиз! - деди Жаныш кызуулана.

- Болбойт, дайыны жок күпүлдөбө балам, андан көрө эртең Байыш келинчек алып келет, ошого камыналы, башкасын көрө жатаарбыз, - деген Батыркул туугандарына карады, - Бул дагы кудайдын сыноосу болду бизге, карандай кызыбыздын айынан Өлмөскан экөөбүз эмнени көрбөдүк, кайгынын дагы чеги болот экен, Ширин биздин кылт этсек оюбуздан, уктасак түшүбүздөн кетпеген түбөлүк дарт болуп калды, аргабыз канча, андан көрө баланы үйлөнтөлү, өзү сүйлөшкөн кызды алып келет экен.

- Мейли, алып келсе тосуп алабыз, үйлөнөөр убактысы болуп калбадыбы, окуусун бүтөөрүнө да аз калды, - дешип эртеңкиге даярданып киришти.

Айткандай эле эртеси түштөн кийин эки машина келип токтоп, биринен келин менен Байыш түштү. Келинди чачыла чачып үйгө киргизишти, жоолук салып отургузуп, дасторкон жайылып чай куюлду. Өлмөскан биринчи келинине төгүлүп-чачылып, жалынып-жалбарып жатты. Анын ата-энесин, кай жерлигин сурап билишти. Атасы мугалим, апасы врач экен. Ортолугу алыс болгондуктан машина менен үчөө ачуу басарга барып келишти. Алар кууп келмек болуптур. Ошентип Байыш үйлөнүп, эки-үч күн туруп эле шаарга кетип калышты, анткени келини дагы университетте окугандыктан экөө тең кетишти. Шаан-шөкөтү жок эле келинди алып, Өлмөскан уул-келинин шаарга жеткирип кетти. Батыркул менен туугандары аны алаксысын деди. Жаныш достору менен түрмөгө отуруп келгендердин баскан-тургандарын иликтеп, эч нерсе таба албады. Бир жолу ичип отургандарды көрүп, Жаныштын досу Илгиз карап алыста турду. Алардын жанында Марат да бар болчу. Ал ичип отуруп:

- Ээ достор, өмүрүңөрдө жолуңардан адашпагыла, эгер билбестиктен жаңылган болсоңор оңдоого аракет кылгыла, - деди стаканды көтөрүп, - Мен катуу жаңылдым, оңдоого болбой турган жаңылыштык кетирдим! - Аракты ичип ийди да, оозуна нан алып барып жыттап отуруп калды.

- Оңдогонго болбогон кандай иш ал? - Бири ормое карап туруп калды.

- Ушу сен киши өлтүрүп алган жок белең? - деди дагы бири.

- Жо-ок, андан да жаман, - деп башын жерге салып отуруп калганда анын жанындагысы:

- Сенин түрүң башка, бир балээң бар, чоң күнөө кылгандайсың, бул сырды жашырам деп өзүңдү түгөтүп баратасың, аныңды мен сонун түшүнүп турам, - деди.

- Айтпа, иши кылса, ичим жалын сыртым чок, кээде өзүмчө эле жинди болуп кеткендей абалда болуп калчу болдум, кантип бул абалдан чыгаарымды билбейм, - деп аргасы түгөнө дагы арактан жутту.

- Аны сен ачык айтканда гана бул абалдан чыгасың, антпесең мындан жаман болосуң, - деди тигиниси анын кулагына шыбырай, андан кийинкисин Илгиз угалбады. Анык эч нерсе түшүнбөгөндөн кийин жолуна түшүп кете берди, бирок бир сырдын бар экенин түшүнүп калды: "Муну аңдыш керек экен, ушунун колунан келип жүрбөсүн", - деп ойлоп Жаныштын үйүнө барды. Экөө көпкө сүйлөшүп, дагы классташтарын чогултуп кеңешишти. Ошондон баштап Мараттын үйүнүн тегерегинен үч-төрттөн болуп, аңдып калышты. Бирок эч кандай шек билинбеди, күндө мас болуп келатып, жолдо турган балдарга тийише кетти:

- Ээми-ине т-тур-расыңар ыя?

- Жөн эле, эмне болду? - деди Артур анын жанына келип.

- Ээш-штеке, т-тур-ра бер-ргиле, бай-кагыла-а, - деп коюп, үйүнө темтеңдеп кирип кетти.

Балдар өздөрүнчө чогула калып сүйлөшүп жатышты:

- Балдар, бул бир жүргөн алкаш, ушунун колунан эмне келмек эле, мурда уурулук кылып отуруп келген, экинчи жолу барганда деле ошондой болсо керек, көптөн бери ичип жүрөт, биздин класста окуган Гүлүмканды албады беле, аны кетирип ийсе керек?

- Чын эле башты каяктагы бир ичкичке короткон убакыттан айлансын, андан көрө башка жол менен издеш керек?

- Кандай кылыш керек, айткылачы деги, ата-энемдин кайгысын көрүп, үйүмө да баргым келбей калды, карындашымдын аяксыз жоголушу менин тынчымды алып жатат, - Жаныш балдарды суроолуу карады.

- Милициялар көңүл бурбай жатпайбы, болбосо ошолордун милдети эле го, бир болсо ошолор тапмак, - дешип ар кимиси бир сөздү айтып, чечим чыгара албай Жаныштын көңүлүн улап, кандай жакшы сөз айтышаарын билбей турушту.

- Анда үй-үйгө тарайлы, эгер шектүү адам билинсе же бир сөз уксаңар бири-бирибизге билдирип туралы.

- Ошондой кылалы эмесе, бул ичкичке короткон кайран убакыт, өз жашоосун жолго салалбай жүргөн бир келесоо да, кеттик анда, - деп кол алыша коштошуп жөнөштү. Жаныш үйүнө суз келди, Өлмөскан келе элек экен, Лилия үйдө жалгыз отуруптур, Батыркул тоого кой айдап чыгып кеткен. Жаныш кирип келгенде Лилия жадырай тосуп алды.

- Жаныш аке, курсагыңыз ачтыбы, тамак бар ичип алыңыз.

- Алып келчи, - Жаныш отуруп калды, - Атам бүгүн эле келем дедиби:

- Эртең келем деди, койлорду кошуп эртең келет.

- Апам дагы кечикти го?

- Шаарда эс алып келсин, Байыш акем апамды кино-театрга алып барам деп жаткан.

- Лилия.

- Ийи.

- Сен Шириндин балдар менен сүйлөшкөнүн уккан-көргөн жок белең? - Жаныш капысынан суроо берди.

- Эмнеге? - Лилия таңгала карады.

- Балким сүйлөшүп жүргөн жигити, алып кетип калып бир жерге камап жатабы дейм да?

- Андайын билбейм, кат жазганын билем, сумкасын карап көрөйүнбү?

- Алып келчи.

- Мына, - деп Лилия Шириндин акыркы класста көтөрүп жүргөн, сумкасын көтөрүп келди. Анда Шириндин жигиттерден алган каты деле жок болчу. Бирок күндөлүгү бар болчу. Эч нерсе таппай калың дептерин ачып көрүп, эң биринчи бетиндеги эки кыз менен ортодо туруп түшкөн сүрөтүн көрүп Жаныш ичинен сыза: "Байкушум десе, эмне болдуң экен, кайда жүрөсүң деги?", - деп көзүнүн жашы сызыла агып кетип, Лилияны караса ал дагы ыйлап жатыптыр, жүгүрүп эшикке чыгып кетти. Жаныш дептерди ачып андагы тартаңдата жазган жазууну окуп кирди. "19… 10. 15. Мен бүгүн кызыктай болуп жатам, анткени ушул убакка чейин өзүмдүн сиңдим деп жүргөн Лилия бакма сиңдим экен. Негедир аны мурда эле жаман көрө берчүмүн. Көрсө, уялаш эмес экенбиз да, жүрөк сезет деген чын окшойт. Лилия сабактан жакшы окуйт, аны мугалимдер дагы апамдар дагы мактаса жиним келет. Ал мектепте кыздар советинин мүчөсү, мен аны аябай жек көрөм!".

"1987. 11. 29. Бүгүн мен сабагымдан үч алып калдым. Ал эми Лилия үйгө беш алганын сүйүнчүлөп келди. Мен өзүмдүн андай окуй албаганыма ичим күйүп, дептерин булгап салдым. Ал менин булгаганымды билдиби билбейм, унчуккан жок. Ал мага эжекелеп турса да, аны жаман көрө берем. Эмнеге, билбейм?"

"1987. 11. 31. Лилиядан мен улуу болсом дагы балдар ага карап тийишип кат жаза баштады. Мен аны ого бетер жек көрө баштадым, Лилия зымпыйып сыр билгизбейт, канчалык мен жек көргөн сайын мени эжекелеп, жиниме тийе бергени өтүп кетти. Мен сыртынан жакшы көрүп жүргөн Адис, Лилияга кат жазганына ичим күйүп жүрөт, неге мага кат жазышпайт, мен андан кем бекенмин. Лилия сегизинчиде эле окуса дагы ага балдар көп карашат, бары аны менен мамиле кылгысы келет. Ал аз келгенсип ата-энем дагы Лилияны жакшы көргөнү менин жинимди келтирди… "

"1987. 12. 04. Мен бүгүн абдан бактылуумун! Анткени мага бүгүн Кадыр деген бала кат жазыптыр, бирок мага ал жакпайт. Ошондуктан жооп бербей койдум. Адис болсо мени карабай эле Лилияге жармашып жүрөт, бирок Лилия аны жактырбаса деле керек, ал али жаш эмеспи, дагы эки жылдан кийин деле сүйлөшсө болот да. Мен өзүмдү бойго жеткен кыз катары көрүп, жигиттерге жагынууга аракет кыла берем. Кыздардын баары эле ошентсе керек, балким бойго жеткен кыздар өзүн ошондой сезеттир, же мен өзгөчө болуп баратамбы, сүйүү дегенди түшүнө албайм, эгер сүйүү мага келген болсо анда мен Адисти сүйөм дейт элем. Алчы, ал мени сүйөбү? Сүйүү болсо мага бир жолу карамак… " деп андан ары жазбай токтотуптур. Жаныш ушул кезде өзүнүн досум деп, жүргөн Адисти жек көрүп кетти. Дептерди жаап коюп: "Эки жакты карап, короо жакты караса үйдүн бурчунда солкулдап ыйлап отуруптур. Жаныш аны көрүп, зээни кейип:

- Дептерди окудуң беле? - деди.

- Жок, сүрөтүн көрүп чыдабай кеттим, кайда кетип калды аке? - деп дагы буркурап ийди.

- Болду эми ыйлаба, жүр үйгө кир, тамак жасачы, экөөбүз отуруп ичели.

- Макул, - Лилия туруп үйгө карай басты, - Эми табылабы?

- Билбейм, эмнеге үйдөн кеткенин түшүнбөдүм.

- Өзү кетмек эмес…

- Анда кандай түшүнсө болмок, - Жаныш үйгө киргенден кийин Лилиянын кыймыл аракетин көпкө карап отурду: "Чынында жакшынакай кыз, мүнөзү дагы жумшак, боорукер. Эгер Шириндин жазганын окуган болсо минтип ыйлабайт беле… ", - деп көпкө ойлонду. Анан эрксизден эле, - Лилия, сен балдар менен сүйлөшөсүңбү? - дегенин билбей калды.

- Жок, ким айтты? - Лилия агасын таңгала карады, - Мен али жашмын, эмитен эмне кереги бар, мага ишениңизчи, кантип сүйлөшмөк элем?

- Кечирип койчу Лилия, сурап койдум да…

- Ии-ий, - деп койду кыз, бирок ойлонуп калды: "Эмнеге минтип жатат, бирөөлөр айткан го, эч ким менен сүйлөшпөсөм эмнеге айтат", - деп ойлоно тамак жасап жатты. Жаныш Лилияны эмнегедир аябай жакшы көрөт, сүйүп алдымбы деп, өзүнө-өзү суроо берип, жооп таба албай: "Кантип өз карындашымды сүймөк элем, уккандар жерге түкүрбөйбү, мен акмак болуп калам го, болбосо эмнеге эле башкалардан кызгана берем. Балким бир туугандык сезимдир, Лилия мени кандай көрөт, ал деле бир тууганы катары жакшы көрөт го", - деп ойлоп өзүн-өзү кармап жүрдү. Азыр дагы байкабай суроо берип алып, өзү уялып калды. Лилия тамагын алып келип, экөө тамактанышты, анан төшөктөрүн салып коюп, көпкө чейин телевизор көрүп жатышты. Көптөн кийин Жаныш өз бөлмөсүнө кирип, кайрадан дептерди окуй баштады:

"1988. 01. 05. Мен мектепке барсам бүгүн кыздар мага: "Сенин сиңдиң балдар менен сүйлөшөт экен го, сен билесиңби? - деп сурашты. Мен жок деп айттым. Көрсө Адис бир баладан Лилияга кат бериптир. Аны кыздар көрүп калышыптыр. Үйгө келип ага көрсөтпөй сумкасын карасам чын эле Адистин каты бар экен, ачып окуп көрбөсө деле керек. ичим тарыганынан алып алдым да, эртеси мектептин коридоруна таштап койдум. Балдар-кыздар таап алып, чурулдап окуп жатышканын көрүп, билмексен болуп класска кирип кеттим. Лилия кыздар советинин мүчөсү болгондуктан Динара эже аябай тилдеп, аны чогулушка салам деп койсо, мектептен чыгып үйгө келбей мүрзөгө барып, жаанда калып өзүн жоготуп коюптур. Анын ооруп калганын көрүп, боорум ооруду, кылган ишимдин туура эмес экенин сезип өзүмдөн-өзүм уялып калдым. Анан Динара эжекеге ачык айтып, Лилиянын эч күнөөсү жок деп түшүндүрдүм. Ошондон кийин ага жамандык кылгым келбей калды. Бирок дегеле аны менен такыр эле эже-сиңди катары сүйлөшкүм келбейт, эмнеге?.. дептир. Жаныш Шириндин дептерин окуп жатып илинчек таба албады: "Же бир жигит менен сүйлөшпөсө, кимден көрөбүз", - деп аргасы кете отуруп калды. Лилия кино көрүп жатып, уктап калды. Эртең менен Жаныш эрте турду, сыртка чыгып аркы-терки басып жүрдү. Күзүндө тоо жакка баратып, жолдон урап калган эски сарай көргөн болчу. Түшүндө ошол кирип жатыптыр. Эмнеге барганы белгисиз, бир аял аны ээрчитип баратыптыр, бир кезде аны абай сала караса Ширин болуп көрүнөт: "Сен кайда жүрөсүң, биз сени издеп жүрбөйлүбү? - десе, - Мен бул жердемин", - деп сарайга кирип баратып эле Жанышка карап колун жаңсап, бир нерсени көрсөткөндөй болду, анын сөзү угулбай жатты. Жаныш жетип Ширинди: "Бас үйгө кетебиз", - десе болбой качып баратып эле көрүнбөй калды, ойгонуп кетип эшикке чыккан болчу. Лилия али ойгоно элек. Жаныш өзү тамакты жылытып ичип, анан короонун ичин тазалап, арыктардын ичин кырып, тал-теректин түптөрүн жумшартып жатты. Малдарын жайлоого айдап кетип короолору бош турган. Аларды ирээтке келтирип жүрдү. Күн көтөрүлгөндө, Лилия туруп, үй ичин жыйыштырып, анан чай коюп, эшикке чыгып, Жаныштын жанына келди.

- Эрте турдуңузбу, аке?

- Ооба, уйкуң кандыбы? - Жылмайып койду.

- Уктап калыптырмын.

- Мейли, иш деле жок, эмне кылмак элең?

- Чай ичели жүрүңүз.

- Мен тамак ичип алдым, кол бошто короолорду оңдоп койбосом атама оор болот, - деп керешкелерин оңдоп кирди.

- Жалгыз иче албайм да, анан чогуу ичебиз, - Лилия болбой кармалаша кетти, - Бир жакка кетесизби?

- Жо-ок, иштесемби деп жатам, совхоздо жумуш бар экен.

- Аа-а.

- Сен окубай калдың эми, бирөө ала качып кетип жүрбөсүн, этиет бол, айрыкча күздө армиядан келгендерден сак бол, - деп айтып жиберди, кайра: "Эмнеге минтип айттым, айтса эмне экен, карындашым да, сак болгону жакшы", - деп ойлонуп алды. Лилия унчуккан жок, ал Жаныштын бул сөзүн өзүнө жакшы санагандыктан бир тууганы катары айтып жатат деп түшүндү. Бирок кыз жүрөгүндө башкаларга караганда Жанышты жакшы көрүү сезими күч эле: "Эмне экен, бир тууган болбосок бирге өстүк, мага өз бир тууганымдай эле, жалгызмын деп айтмак белем, эки агам бар, Ширин эжемдин жоголуп кеткени жаман болду, эжелүү кыздар жакшы да, келип калса экен, апам менен атамдын кайгырганын көргүм келбейт", - деп ойлонуп жатып жыгач керешкени оңдоп кагып жаткан Жаныш бери өтүп келатканда артка кетээнчиктей берип, ага төшү тийип кетти. Айрыкча Жаныштын жүрөгү кызыктай болуп кетти, кыздын төшү тирсейип бүткөн боюн чымыратып ийди.

- Лилия, үйгө бара берчи, - деди ишин улантып жатып.

- Жардам берейин, үйдө иш деле жок, баарын жасап койгом, - Моюн толгой ого бетер жакындай кармап берди, - Жалгыз мык уралбайсыз да.

- Апам дагы бүгүн келип калат, чай-пайыңды даярдай бер, атам келаткандыр.

- Чай даяр, үйдө эригем да, сиздин жаныңызда турайынчы?

- Макул, - деп койду, - Лилия.

- Ийи.

- Жеңем кандай экен, сага жактыбы?

- Жакты, аябай сулуу экен ээ?

- Ошондой го?

- Сиздин дагы сүйлөшкөн кызыңыз барбы?

- Эмне кыласың?

- Сулуубу, аке?

- Тентек кыз десе, эмне кыласың, үйлөнгөндө көрөсүң да.

- Биздин айылданбы, айтсаңыз? - деп болбой эле жабышып, сурап туруп алганда, Жаныш өйдө болуп күлө карады.

- Мен шаша элекмин, азырынча үйлөнүүгө эрте го?

- Ыкы, эмки күздө атамдар сизди үйлөнтүп коебуз деп сүйлөшкөн болчу.

- Качан?

- Баягыда?

- Мага айткан жок го?

- Ошондо айтат да, ошентип жатканын мен уккам, - деп күлүп, - Андан көрө… - деп токтоп калды, короонун оозунан Батыркул көрүнүп, өздөрүн көздөй басып келаткан болчу.

- Силерди тура элек чыгат деп ойлосом, турдуңар беле? - деп алардын жасаган иштерине ыраазы болуп, - Ырас кылыптырсыңар балдарым, оңдоло турган буюмду жасап коюптурсуңар, - деди.

- Ата, апам аябай кечикти го? - Жаныш атасына карады.

- Келип калаар, аяктан балабыздын курсташтары келсе тосуп жаткандыр.

- Аа-а ошондой, - деп койду.

- Ата, чай ичесизби? - Лилия атасынан сурап үйдү көздөй басты.

- Койлорду коштуңузбу, ата?

- Ооба, кыштоодогу уйларды да айдап келип кошуп коюш керек.

- Уйга мен барам.

- Мейли, эртең эртерээк ат менен бара кал, - Батыркул уулу экөө ээрчише үйдү көздөй басты.

- Уулум, Лилияны окууга кайра алып барайын, окуп алсын, былтыр Ширин жок десем эле ыйлап баса бербедиби.

- Мейли, окутуп койгонуңуз жакшы.

- Ошентейин, Байыштар менен жашай берет.

- Кайсыга окуйм деп жатат?

- Педучилищага.

- Мугалим болом дейби?

- Ошондой го, былтыр киргизип кайра келсем эле Ширин жок, шаарга качып таарынып кетип калдыбы деп баргамын да, анан дайыны жок кайра келбедимби, чунак кыз десе таарынса таарынычы деле тарагыдай болду эле… - Оор күрсүнө үйгө кирди, - Тамак жасадың беле кызым?

- Ооба.

- Алып кел анда, - деп төргө мандаш токунуп отурду, - Түндө боз үй суук экен үшүп чыктым, эртерээк чыгып алышыптыр.

- Элдин баары эле чыгып кетишпедиби?

- Малга го жакшы, бала-чакалууларга суук экен.

- Ата, мен иштесемби деп жатам.

- Каякка? - Батыркул баласын азыр көрүп тургандай, карап калды.

- Совхозго эле, - Жаныш чай ууртап жатып сүйлөдү.

- Мейли, өзүң бил уулум, бекер колоктоп жүрбөй, иштесең иштей бер, - Анын алдына Лилия кесе менен бир тамак алып келди.

- Мен ичпейм, - деди Жаныш.

- Эмнеге?

- Ичип алгам.

- Көп кетеби? - Батыркул күлүп коюп тамагын иче баштады, - Жазга маал ачка жүрбө балам, ооруп каласың, үзүмчүлүк мезгил азыр, эт аш го бар, жылда мал байлап алчу элек, кызымды ойлоп сары-санаа болуп жүрүп байлабай калдык, - Үшкүрүнүп ийди, - Секелегим десе, кандай гана сагындык сени, - Ойлуу мелтиреп отуруп калды.

- Ата, түндө Ширин менин түшүмө кирип жатыптыр.

- Эмне болуп?

- Билбейм, - Жаныш бир аз ойлоно калып, түшүн айтып берди.

- Токточу… - Батыркул аны карап калды, - Ушул түш апаңа да кириптир эле…

- Чын элеби?

- Чын, келсе сүйлөшөлүчү, сарай дегендей болду беле-е…

- Ата, биздин айылдын тегерегинде сарайлардын эскилиги жетип ураганы барбы?

- Кое тур, мынабу төштөгү сарай бар, анан кышында кой кыштоочу сарайлар бар, бу төштөгү сарайга мал барбай калган, көптөн бери ээн турат, - деп ойлонуп отурганда эшиктин алдына машина токтоп калды. Лилия чуркап чыгып:

- Апа-а! - деп кучактап калды, анын үнүн угуп, Өлмөскандын келгенин билишти, аңгыча алар кирип келишти. Машина кайра эле кеткендей болду.

- Оо апам келип калды, - Жаныш ордунан тура калды, - Кандай барып келдиңиз апа?

- Жакшы балам, жакшы барып келдим, тынч жатасыңарбы өзүңөр? - Өлмөскан уулунун бетинен өөп, - Кабар жокпу? - деди.

- Тынч эле, өзүң көргөндөй…

- Аттиң! - Өлмөскан өкүнө үшкүрүнүп, оозунан күйүттүн ачуу дамы, ошол үшкүрүк менен кошо бүркүп чыккандай болду, - Көзүм бурулса эле үйгө келип калгандай болуп турат, кайдан издейбиз ыя?

- Издегенде бир жиги болсо жакшы, андан көрө айтчы, балдар орун алып алыштыбы, келин жакшы эле көрүнөбү?

- Ой кудай буйруса Бактыгүл жакшы келин болчудай, апалап көзүмдү эле карап турду бечара, кетейин десем болушпайт, же мени алаксыткылары келеби? - Өлмөскан кубана сөзүн бүтө албай жатты, - Шаар көрсөтөбүз, дагы бир жума жүр дешкенинен болбой баса бердим.

- Өздөрү ынтымактуу болушса эле болду байбиче, бизге ошонусу кубаныч, анан Жанышты үйлөнтсөк… - Батыркул сүйлөп келатып эле, эсине кызы түшкөндө айтып келаткан сөзүн унутуп калабы же андан аркысын айталбай калчу болгон.

- Мен азыр үйлөнбөйм, машина алып, баарын даярдап, анан жай эле үйлөнөм, - деди дароо эле Жаныш.

- Ой атаңдын гөрү, машина минем десең мен алып берем, күздө үйлөнбөсөң болбойт, Лилия окуп калса, апаң экөөбүз кыйналабыз да?

- Чырактай кызы аяксыз жоголуп жатса, кош-кош келин алып көптү, ойлонушкан жок деп кеп кылат го, быйыл кое туралы, шашканда эмне, Лилия окуп алсын, өзүм азыр жакшы элемин, - Өлмөскан күйөөсүнө карап ички оюн айтты, - Бир кабарын угуп, көөнүбүз жайланса болот эле, кызым күлүп-жайнап эле кирип келчүдөй сезилет.

- Баса, сен түшүңдө бир сарай көрдүм дедиң беле? - Батыркул аялына суроолуу жүз бурду.

- Ооба, эмне болду?

- Жанышка дагы ошол сарай көрүнүптүр.

- Койчу? - Өлмөскан уулун карап, чынбы? - деди.

- Ооба апа, түндө көрдүм, - Жаныш түшүн айтып берди эле Өлмөскан бызылдап ийди:

- Каран-гү-үн, анда аны жайлап койгон го, соо эмес, соо эме-ес! - Көз жашын аарчый, - Тетигил сарайга барып келсекпи Батыркул?

- Барганда эмне кылабыз, же жигин билбесек…

- Бир көрөлү, ичин кыдырып көрөлүчү…

- Кой кемпир, адегенде мен өзүм бир чалып келейин, тээ мурунтан эле анын ээси бар дечү, ошондон улам койчулар жашабай калган, беш-алты жылдан бери ээн турат, түшүңө кирген албы же башкабы кайдан билебиз?

- Анан ушинтип эле жүрө беребизби?

- Ата барса барып көрөлү, балким… - Жаныш: "Аерге аны өлтүрүп, көмүп койгон болсо, таап алабыз", - деп айтмак болуп айта албады.

- Эл укса булар эмне болгон дебейби?

- Анда сен түштөн кийин барып келчи.

- Макул ат менен барып көрүп келем, - деп үңкүйүп отуруп калды. Лилиянын окууга баргысы келбеди: "Жок, мен окубайм, Ширин эжемден бир кабар болмоюнча эч жакка барбайм", - деген чечимге келип жооп даярдап жатты ичинен. Батыркул атын минип алып, айылдан чыгып сарайды көздөй баратып эле, машиналарды көрдү, сарайдын жанында үч-төрт машина турган, ээн сарайга кыздар менен ойноп, көңүл ачкандар көп барганын көрүп калчу, аттын башын буруп үйүнө келди:

- Бат эле келе калдыңбы? - Өлмөскан ага суроолуу көзүн кадай жооп күтүп калды.

- Барган жокмун, үч-төрт машина турат, эс алгандар го, анан мага эмне бар?

- Ии-ий, - деп супсуну сууй түштү Өлмөскандын, оюнда ал сарайга барса эле, кызын ээрчитип келип калчудай сезген, жаман ойдон алыс, неге ал сарайга барса табылып калчудай сезгенин, өзү да билбейт. Бирок түшүндөгү чачы жайылган аялдын өзүнүн кызы экенин, ал жардам сурап жатканын биле албады, кайсы эне өз баласын жамандыкка ыраа көрмөк эле…

Лилияны окууга алып бармак болуп даярдай турган болгондо, ал таптакыр каршы чыкты. Батыркул түшүндүрмөк болду эле ал:

- Мен эч жакка кетпейм, окубасам жок, Ширин эжемдин кайгысын тартып, силер минтип турсаңар кантип окумак элем?

- Эми эмне кылабыз кызым, бизди аяба, өзүңдү ойлон, окуп алсаң кийинкиңе жакшы, эжеңден бир кабар болсо өзүбүз айтабыз да.

- Жо-ок, мен окубайм!

- Үйдө жүрсөң дагы бирөө ала качып кетип калсачы? - Өлмөскан жылмая карады, - Айылдын балдарын билесиң го, азыр көп балдар аскерден келип жатат, күздө үйлөнгөндөр алып кетсе кантесиң?

- Ала качпайт.

- Кайдан билесиң, баргандан кийин кайра келсең болбойт, бизге да жаман, ошону үчүн көздөн далдаа жүрүп, окуп алганың жакшы эмеспи?

- Жок, окубай эле койдум, - деп чыгып кетти. Батыркул аялын карады, ал үндөгөн жок, Жаныш алардын сөзүнөн улам: "Чын эле ала качып кетеби, кандай немеге барат, күйөөсү жакшы болсо го мейли, жаман чыгып калсачы, жо-ок Лилияны өзүм тандаган күйөөгө берем, бактылуу кыла турган жакшы жигит болсо болду", - деп ойлонуп жатты. Анын жан дүйнөсү дүрбөлөң түшүп, кыжаалат болуп ички бөлмөгө кирип Шириндин дептерин колуна алып күндөлүктү окуй баштады:

"1988. 02. 14. Мен бүгүн түндө жаман түш көрдүм, жанымда чоң апам отуруптур, ал экөөбүз чай ичип жатыптырбыз, мен кетмек болгонумда, кете албай калдың кызым, калып эле калчы, деп чоң апам жибербей койду, ойгонуп кетсем түшүм экен. Эмне болот болду экен, арбак түшкө кирсе… ".

"1988. 02. 20. Мен аябай кубанычтуумун, бүгүн бир жигиттен кат алдым, ал шаардык экен, таятасыныкына келиптир. Көптөн бери таанышып, сүйлөшүп жүргөнбүз. Аты Гүлжигит. Аябай маданияттуу, кыздарды сыйлай билет. Мен Адисти сүйөм деп, жөн эле кызганып жүрүптүрмүн. Көрсө сүйүү башкача сезим болот тура, Гүлжигит мени сүйөөрүн айтып кат жазыптыр. Мен ага жооп жазууга шашпайм, күтө турсун, чын сүйгөн болсо күтөт да… ",

"1988. 02. 24. Бүгүн мен үчүн бул жашоодогу бактылуу күн болду, Гүлжигит тоодон гүл терип келип берди, сүйүүм сага гүлдөй назик, кагаздай таза, Ала-Тоодой бийик, менин сүйүүмдү кабыл ал суранам деп, гүлдүн ичине кат жазып салып коюптур. Бул сырымды эч кимге айткан деле жокмун. Анткени менден Гүлжигитти тартып алчудай болуп кызганып кетип жатам",

"1988. 03. 09 Кызык, түндө дагы чоң апам менен бирге жүрүптүрмүн. Чоң апам мага "Ырас келбедиңби, өзүм дагы сени күтүп жаттым эле" дейт. Эмне болоор экен?",

Жаныш бул күндөлүктү окугандан бери сүйүүнү ойлой баштады: "Ширинди сүйөм деген Гүлжигит шаардык болсо, ошону менен кетип калган жокпу, андай болсо бир дайынын билдирип койбойбу, эмнеге жашырынып качат. Таятасы ким болду экен, сураштырып көрөйүн", - деп дептерди бекем катып койду да сыртка чыкты, Лилия эшик шыпырып жатыптыр.

- Кир үйгө, мен шыпырам, - деди ага.

- Эмнеге? - Лилия ага таңгала карады, анын сөзү орой тийди көрүнөт, - Ачууңуз эмнеге келди?

- Кимге?

- Мага…

- Жинди десе, сага эмнеге ачууланмак элем, мен шыпырайын дедим го?

- Билбейм, аябай жинденип айттыңыз го?

- Кечирип кой, сага ошондой сезилсе керек, кире бер үйгө.

- Макул, - Лилия үйгө карай басып баратканда, аны артынан карап туруп калды: "Бою да өсүп калыптыр, чын эле ала качып кетсечи", - деп ойлоп кызыктай болуп кетти: "Эч кимге бербейм", - деп бир ою айтса: "Жинди болдуңбу, ал сенин карындашың эмеспи, андан көрө бактылуу болушун ойлон", - деп бир ою айтып көпкө турду. Ошол ойлонгон калыбында турганын өзү байкабады. Качан гана Батыркул үйдөн чыга калганда жер шыпыра баштады.

- Балам, сен тиги Апсаматты билесиңби? - деди ал Жанышка.

- Ооба, эмне болду?

- Ошонун коюн дагы тигил Нурсейит багып жүрбөйбү, бир коюу өлүп калыптыр, алып кетсин деди эле, айтып койчу.

- Макул ата, - Жаныш шыпыргыны таштай, короодон чыга жөнөдү. Айылдын ортосунда, алардан бир топ алыс эле, Жаныш алардын дарбазасын такылдатып, туруп калды эле, ичкериден үн чыкты:

- Ким?

- Ачып коесузбу эшигиңизди, - деген Жаныш күтүп туруп калды, дарбазаны ача берген Апсамат:

- Эмне керек балам? - деди бүшүркөй.

- Сиздин бир коюңуз өлгөн экен, алып кетсин, сөзүм да бар өзү келсин дептир.

- Кимге?

- Менин атама.

- Атаң ким эле?

- Батыркул.

- Ыя?! - Апсамат делдейе түштү, ушул жакшынакай келбеттүү жигитти көрүп, уулу өлтүргөн кызды элестетип ийди: "Куураган балам, бирөөнүн ай мончоктой баласынын убалы уктатабы анан, дагы жакшынакай балдары бар тура, кызы дагы сулуу болсо керек", - деп нес боло туруп калган карыяга Жаныш.

- Болуптур, ошону айтып кой деген атам, - деди да артына кайрылды, ошондо гана эсине келе калгандай Апсамат шашыла.

- Мейли балам, өзүм барам, - деп эшигин жаап алды. Апсамат буга чейин: "Батыркулдун балдары бар, чоңоюп калды дешет, көрө элекмин, кокус билинип калса, канга-кан деп кууп алганга жарай турган болсо кургур балам бул айылда жашай албайт го". - деп жүргөн. Эми келбеттүү, кең далылуу, бою узун жигитти көргөндө жаман абалда калды: "Кой Маратты аялы экөөнү айылдан кетирейин, болбосо бул баланын көзү тирүү экен, тынч койбойт, шаарга жиберип ийейин, ошол жакта жашай берсин, тынчып калаар", - деп ойлонуп үйүнө кирди.

- Ким экен? - Саадакан андан сурады.

- Ким болмок эле, тиги Нурсейит чакыртып ийиптир.

- Жөн-жай элеби, дагы кой өлүптүрбү?

- Ооба, сүйлөшөм дептир.

- Ии-ий, - деп коюп өз ишине киришти.

- Байбиче, келинди алып кел, мен кечинде келип Марат менен кеңешем, буларды шаарга кетирип ийели, болбосо биерден жөн калбайт, билинип калса Батыркулдун тууган уругу үйгө тынч жашатпайт дагы, - деди да чапанын кийип, камчысын алып чыгып кетти.

- Өз билгенин эле жасай беришет, атасы бул болсо, баласы кайда бармак эле, эми шаарга жөнөтүп ийип, дагы азабын тартып отурат экемин да, эк билгениңерди кылгылачы, келинди алса алып келейин, дегеле эки айдан өтүп кетсе деле өзү келейин дебейт, - деп сүйлөнүп жатып ишине киришип, түш ченде Эсенамандын үйүн көздөй жөнөдү. Гүлүмкан үйдө болчу. Нурия жумушунда, эки иниси үйдө, сиңдиси окууга кеткен. Эсенаман дагы жаз башталганда үйдө болбойт, айылдын этегиндеги сарайды кайтарат, анда чарба шаймандары, тракторлор менен комбайндар турчу. Саадакан келгенде, көрө калган Гүлүмкан тура калды:

- Келиңиз апа.

- Келдим балам, урушуп келгенсип барбай койдуң го, келет десем жоксуң, анан өзүм келбедимби, - деп отура кетти.

- Марат азыр барбай эле кой, өзүм алып кетем деген, - Гүлүмкан кайненесине дасторкон жайып чай койду.

- Ал келип жатабы?

- Бир жолу келип азыр барбай тура тур, деп кеткен, ошол бойдон келе элек.

- Айта берет, сен барбасаң болбойт, биерде достору толо, аракка азгыра берет экен, силерди атаң шаарга кетирем деп жатат, иштеп да көрсүнчү, шаардын жашоосуна көнүп.

- ? . . . - Гүлүмкан унчуккан жок.

- Шаарда кайнагаң Канаттар бар, алардын үйүндө туруп турсаңар, анан өздөрү ишти да, жашаганыңарга үйдү да таап берет, кой мени менен кетесиңби?

- Апам келсин, сиз бара бериңиз, өзүм барып калам.

- Мейли балам, эртерээк барып кал макулбу, шаарга бере тургандарды дайындай берейин, - деп ордунан козголгондо, Гүлүмкан колтуктан ала өйдө кылды. - Кудай жалгасын айланайын, "карысаң кара жердей бол, карыганда мендей бол", - деген ушул экен да, очорулуп тура албай калам. Эми силер кетсеңер чал экөөбүз тиктешип, кала берет экенбиз да? - деп эбиреп-жебирей үйдөн чыгып кетип баратып дагы тактап сурады, - Бүгүн эле барасыңбы балам, эрте барып кал.

- Макул, барып калам, - деген Гүлүмкан ойлуу кайненесин узата карап турду: "Жакшы эле адамдар, Маратка түшүнбөдүм, анын бир сыры бар, же сүйгөн кызы болсо керек, ага жетпей калганга өзү ала качып алат да көңүл бурбайт, коркутуп боюман дагы түшүп калды, же жаман айтпайт, өзүнчө эле жинди болуп жүрөт, деги жашап кете алар бекенбиз, шаарга барганда түнкүсүн кыйкырбай жатса экен", - деп үйүнө кирип кетти. Кечке маал Нурия келгенде камынып алган кызын көрүп:

- Кетесиңби? - деди.

- Ооба, кайненем келип барып кал деп кетти.

- Аа-а, барсаң бар кызым, күйөөңдөн этиет болчу, жанагынтип кыйкыра берсе жүрөгүң түшүп, ооруп кала көрбө.

- Апа, шаарга кетиребиз дейт.

- Эмнеге? - Нурия чоочуп алды.

- Билбейм, шаарга барып, өзүңөрчө жашагыла дейт го, эми барып көрөм да, - деп үйдөн чыкты.

- Кетээриңди билсек барып келем.

- Макул, - деди да жөнөй берди, ал келгенде Апсамат менен Саадакан эле экен, түндөсү Марат мас болуп келди, аялынын келген-келбегенин сезбегендей сулк жатып калды. Эртеси аны эч жакка чыгарбай Апсамат карап отуруп ойгонгондон кийин ага өз кеңешин айтты.

- Канаттын үйүндө жүрүп, иштеп алаксы, минтип жүрө бергениң болбойт, Гүлүмкан экөөңөр эртең эле кете бергиле.

- Шаарга? - Марат бир демге унчукпай атасын карап калды, анан кирип келаткан Гүлүмканды көрүп, айтайын деген оюн айта албай калды, - Шаарга эмне бар?

- Эмне бар деп коет, биерде эмне кылып бердиң ыя?

- Жөн эле уруша бербей айтпайсыңбы, алаксы деп, кайра-кайра дем салдырсак көргөн эл буга эмне болгон дешип жатат, жин-кесел болуп калганбы дешет го, минтип ичип да жүрөсүң, шаарга барсаң алаксып калат белең балам.

- Эч жакка барбайм!

- Эмнеге? - Апсамат Маратты ормое карады, - Досторуң калып калабы ыя атаңдын оозугурайын десе, качан адам болосуң деги, бирөөнүн кызын алып алгандан кийин үйбүлөм бар деп кармансаң боло? - Апсамат ачууланып сөгүнүп кое берди, - Барасың, эртең шаарга кетесиңер, келинди ошону үчүн алып келдик.

- Аны кетирип ийгиле, мага аялдын да, башканын да кереги жок! - Марат эшикти көздөй жөнөмөк болгондо Апсамат кошо чыкты, Гүлүмкан ыйлап, бөлмөсүнө кирип кеткен, аны Саадакан сооротуп жатты. Апсамат Мараттын артынан чыгып катуу үн чыгара.

- Токто! - дегенде ал тык токтоду.

- Эмне деп эле, баш оорутуп жатасыңар?

- Башыңды мен ооруттумбу, же кеп укпай жүрүп, өзүңдү-өзүң кыйнап жатасыңбы? - Апсамат ага жете келип, ары көздөй сүйрөп, чаркар жакка алып барды, - Биерде жүрсөң өз айбыңды өзүң ачасың бир күнү, ичкенде айтып коебу деп ойлонуп биз да кыжаалатпыз, эгер билинип калса, Батыркулдун сомодой болгон балдары сени соо койбойт, сага кошуп бизди да тынч жашатпайт, из жашырып кетип кал акмак! - деди акырын.

- Ата, мени тынч жашатпай жаткан ошол кыз, ал менден алыстабай койду, ичип алсам тынч уктайм, болбосо көзүмө көрүнүп туруп алат, Гүлүмкандын көзүнөн көрүнөт, эмне кылам анан? - Марат айласы кете атасына суроо салды, - Эмне кыл дейсиңер, мен Гүлүмкан менен бет маңдай отура албай жатпайынбы, анын боюнан дагы ошол үчүн түштү:

- Эмне дейт?

- Ошо, аны дагы Ширин алып кеткен!

- Ой бала не деп турасың, дени-кардың сообу?

- Соо эмес экенимди билип туруп, кыйнап жатпайсыңарбы.

- Кандай кылсак болоор экен, ал дагы бирөөнүн баласы го, жыл айланбай андан ажырагың келип жатабы, андан көрө унчукпай тилимди алгын дагы, шаарга кетип кал, жер которсоң адашып калаар… - Апсаматтын кийинки сөзү арсар чыкты: "Кудай урган бала, аңдоостон балаага кабылып алып куруду, жер которуп кетсе тынчып калаар, бирок арбак каршыгып алса соо койчу эмес эле, кан куткарбайт деген чын болуп жүрбөсүн", - деп ойлонуп турду. Марат да ичинен: "Чын эле жер которуп кетпейинби, унутулуп калаар", - деп атасынын сөзүнө муюй түштү.

Эртеси эле машинага жүгүн жүктөп алып, Фрунзеге карай жөнөштү, Гүлүмкан аны улам уурдана карап коет, ал түз жолду карап кетип жаткан, бир кезде тык эле токтоду машина, Марат түшүп эки жагын караса баары жайында, айдайын деп рулга отурса, ордунан жылбайт. Майын текшерсе толо бойдон, улам аракет кылса дагы жылбай койду, эми гана айылдан чыкмак болуп калган эле, жолдо зуулдаган унаалар биринин артынан бири өтүп жатты. Марат машинасын четке түртүп чыгарды да, эки-үч машинаны токтотуп көрсөттү. Бири рулга отуруп от алдырды эле жүрүп кетти, ага рахмат айтып эми өзү отура бергенде дүр-дүр этип барып, өчүп калды, кайра от албады. Аргасы кеткенде: "Үйгө кете берейин, сүйрөтүп кетем го", - деп ойлонуп рулда көпкө отуруп от алдырды эле от алып кетти, кайра он метрдей барып өчүп калды:

- Эмнеге өчүп жатат? - Гүлүмкан түшө калып анын жанына келди, - Дагы от алдырып көрчү, болбосо үйгө кете берели.

- Азыр, деп от алдырып көрдү, рулду буруп артка кайрылды эле, кадимкидей зымылдап жөнөдү: "Менин кетип жатканымды билген экен, бул мени оңой куткарбайт окшойт, тирүүнүн өлүгү болгуча ачык айтып, милицияга барсамбы, алар билгенден кийин өч алмакка атамдарга да деп ойлонуп кете берди. Алар түш оой кайра келгенде, Апсамат менен Саадакан чоочуп кетти.

- Ой силерге эмне болду?

- Кайра эмнеге баса бердиңер? - деп алмак-салмак суроо узатканда Марат:

- Кетирбей койду, - деп бурк эте жооп берип ары басып кетти.

- Ким? - деп таңгала сурашты ата-эне.

- Машина!

- Жолдо баратып эле жылбай койду, үйгө айдаса жүрүп кетти го, таңгалып калдым, - деди Гүлүмкан.

- Дагы эмне дейт балакет, эмдигиче жетип калгандыр деп жатса… - Апсамат уулу кеткен жакка басты. Саадакан келини экөө жүктөрүн түшүрүп, үйгө алып кирип жаткан.

- Айтчы ой бала баргың келбей койдубу? - Апсамат шекший сурады.

- Айылдан чыга берээрде өчүп калды, такыр от албай коюп, кайра артка айдасам жүрүп жатпайбы, өзүм да таңгалып жатам.

- Кудай уур, эми эмне кылабыз?

- Мен милицияга эле барсамбы деп, ойлоп калдым жатам, - бул мени соо койбойт баары бир, - Атасынан жардам сурагандай үмүттүү карап, жооп күттү, - Менин кетип жатканымды билди окшойт, кадимкидей эле сопсоо машина жүрбөй калганы кызык? - Ойлуу Марат чылым түтөттү.

- Шашпа, эртең атайын куран окуталы, бир улак алып келейин, сен эч жакка кетпе, куранды өзүм окуйм, кыздын атына окуйлу, ошондо бир тынчыйт.

Марат унчуккан жок, Саадакан менен Гүлүмкан өздөрүнчө сүйлөшүп жатты:

- Апа, эмнеге андай болот?

- Эмнени айтасың?

- Машинаны айтам, айылдан чыга бериш бар го, ошол жерге келгенде эле токтоп калды, мен өзү токтотту го деп ойлодум, башка бирөө айдап көрсө жүрүп жатпайбы, ушу балаңыз өзү шаарга баргысы келген жок окшойт, мен ишенген жокмун, үйгө келатканда жакшынакай эле келбедиби?

- Кой бул сөзүңдү укса Марат жинденип жүрбөсүн, чын эле жүрбөй койгондур, дөөтүнү антип айткан болбойт, алдыда кырсык болоорун билип жүрбөй калгандыр, - деген эне өзүнчө сары-санаа болуп жаткан эле.

- Ошондой да болобу?

- Анан эмне дөөтү сезет да балам, - деди да сыртка чыкты. Апсамат атын минип кайдадыр кетип калган. Марат эшикте ары-бери басып чылым чегип жаткан, - Атаң кайда кетти? - деди уулун көрүп, жүрөгү сыздай.

- Билбейм, - деп койду Марат, ал баарын айтып отургусу келбеди.

- Кызык киши да, айтпай дебей эле башы оогон жакка басып кете берет, - Саадакан наалый сүйлөдү: "Садага кетейин ай, кандай балээге кабылдың эле, ушундан аман кутулуп алсаң экен, шайтан айдаган экен да, арбак кун кууйт деген чын болсо керек, баламды каратып туруп алдырабызбы, бечара кыздын ата-энеси деле сыздап боору менен тең кызынын өлүү-тирүүсүн билбей жаман абалда кылышты да, алардын убалы канча, оо жараткан уулумду бар балаадан, жалаадан сактай көр", - деп ичтен сызып отурду. Марат улам бир чылымды чегип, кайра ыргытып, экинчисин чегип ойлуу, бара-бара анын өңү да бузулуп, арыктап бараткан эле, көрүп турган эненин сай сөөгү сыздап, кантип сактап калаарын билбей алдастап, карагысы келбей кирип кетти. Апсамат күүгүмдө улак көтөрүп келди, ал келгенден кийин караңгы кирип калганда Марат эч кимге көрсөтпөй дагы кетмен-күрөк алды да үйдөн чыгып кетти. Баягы атайын алган ак сурп машинанын отургучунун алдында жүргөн. Сарайды көздөй жетип, бурчтагы кыз көмүлгөн жерге жарыгын күйгүзө токтотту да, каза баштады. Бир топ казып кийимдери илингенде аны бир күч артка катуу түрттү, чалкасынан түшүп, башы зыңгырай түштү. Ордунан туруп, кетменди кайра шилтегенде дагы түрттү. Кетмен өзүнөн-өзү машинага тийип, маңдайкы айнеги бычырап, сынып кетти. Жинденген Марат: "Ушундан келгенди көрөйүн, бүгүн өлсө өлүп же биротоло эч ким билбей кала тургандай кылып, жашырып салайын", - деп ойлоп кетменди ала коюп, кайра шилтеди, эки-үч ирээт чукуп, кийимдеринин чиригени чыга баштады, эми ачыла турган болуп калганда дагы, өзүн катуу түрттү эле алыска барып түшүп, эси ооп жатып калды, эңги-деңги болуп жатканда: "сен мени кепинсиз таштап койдуң, эми тынч жашай албайсың, сен дагы менин жаныма келесиң, уктуңбу сен дагы биякка келесиң, аялыңдын көзүнөн жүрөгүң түшүп өлөсүң, мен сени эч кимге бербейм, биз бирге болобуз", - дегенди угуп эле жатты, ким-кимге айтып жатканын сезбей, көптө барып көзүн ачса, жанында эч ким жок, тура калып:

- Ме, мен жаныңдамын, алып кетесиңби, алып кете бер, ушул жашоодон тажап кеттим! - деп ээн сарайдын ичинде үнүнүн бардыгынча бакырып ийди, жымжырт, караңгы сарай анын көзүнө өтө коркунучтуу сезилди, кетмен күрөгүн алганды унутуп, машинага отурду да айдап жөнөдү, бүткөн бою калчылдап, үшүгөнү же корккону белгисиз рулду зорго башкарып, айылга кирип келди да токтотуп калды, алды жагында чачы жайылып, баягы өзү көргөн кийимчен Ширин көрүндү, ого бетер коркуп кайра айдап, сүзүп кетмек болду, бирок эчтеке көрүнбөй калды. Үйүнө таңга маал келди. Гүлүмкан уктап жаткан, ал башка бөлмөгө кирип жаталбай дембе-дем чылым чеге берди: "Эмне кылышым керек, ушундан көрө түрмөдө отурганым жакшы го, ачык айтсам таап алып, өздөрү көмүшөт, көмгөндөн кийин тынчып калаар", - деген ойдо болду. Эртең менен эрте турган Апсамат эшикке чыгып машинанын айнегин көрүп, Маратты бөлмөдөн издесе жок, ал түнү менен отуруп, таң атканда диванда отурган бойдон уктап кеткен эле. Гүлүмкан эрте туруп ишине киришти, кары кишилер эрте турат эмеспи, аларга чай берип, кайра жыйнап, жүрө берди. Ал ушул үйдөн кеткиси келип жатты: "Мени ушул кемпир, чалды каратканы алды беле, күйөөм жактырбаса жүрө беремби, бир жыл болуп баратат, бир жакшыраак мамиле кыла албады, мунун сүйгөн кызы болсо керек, эмне кылам деги", - деп ойлонуп жатты. Түшкө чейин Маратты күтүп жатты Апсамат, ал кирген бөлмөгө көп киришчү эмес, ошондуктан анын аякта уктап жатканын билишкен жок, качан гана өзү чыкканда:

- Машинага эмне болду? - деди Апсамат.

- Көрүнүп турбайбы эмне болгону.

- Эмне болду деп жатам?

- Зымды, сүзүп алдым, - эшикке чыгып кетти.

- Кандай бала болдуң деги, эчтеке айтпайсың, жооп бербейсиң, энең экөөбүздү тирүүлөй кыйнадың го, шаарга кет десе да болбодуң, бол эми улакты сое коелу.

- Азыр…

- Бир деме ичип алсын, - Саадакан ушинтип күйөөсүнө айтты да, - Гүлүм тамагыңды алып келчи, - деди.

- Мына апа, даяр эле, - Гүлүмкан көтөрүп келип, кесеге куюп, дасторкон четине койду. Марат жуунуп келип, нандан ооз тийип, тамактан бир-эки кашык ууртап эле, коюп туруп кетти.

- Ичкениң ошобу балам? - Саадакан баласынын жүзүнөн чоочулап тим болду. Бара-бара Марат башкача болуп, жүзүнө тирүү арбактын кейпи келип, көргөн адам андан чоочуй турган болуп калган. Көз көрүнөө балаңдын куурап баратканын көрүү, ата-эне үчүн азап эмеспи, бирок тирүү пенде баарын көтөрбөскө чарасы жок, кудайдан гана үмүт кылып жашап өтүп кете берет, бул жашоонун кызыгы да кымбаты да ошондо сезилет, баары бир кечээгисин адам пенде унутта калтырып, өлбөөчүдөй өмүр сүрүү улана берет. Улакты союп жатып, куран окуду Апсамат, эл чакырган жок, узак окуду да, улактын этин калтырбай казанга салды, бышыргандан кийин өз туугандарын чакырып алып тартып, куранды өзү окуп Батыркул кызы Шириндин арбагына атады, андан кийин:

- Бир дагы сөөгү сыртка чыкпасын, этин шылып алгыла, силерден суранаарым, - деди.

- Балам ооруп жүрөт, этин жеп, сөөгүн таштап кетсеңер, ырымын жасайлы, - деди Саадакан дагы. Дал ошондой болду, аягында дагы узакка куран окуп болуп, анан эл тарагандан кийин баш сөөктү кошуп, акка ороп мүрзөнүн четине алпарып, чуңкур казып, көмүп келди Апсамат. Бул баласын коргоонун бир амалы эле…

Ошондон кийин дагы алты-жети күнгө чейин тынч уктап калды Марат. Гүлүмканга кадимкидей көңүл бурган менен анын жүзүнө тике карабайт, караса эле анын көзүнөн Ширин көрүнө кала тургансып, корккону калган жок. Түн бир оокум, элдин баары уйкуда, Гүлүмкан дагы таттуу уйкунун кучагында жаткан, бир кезде карылуу кол аны муунта баштады, анткени Марат уктап жатса, ага Ширин көрүнүп, жанына келип жатып алды, ал аппак көйнөкчөн болуп, аябай сулуу көрүндү, Марат жанында аялы жок эле Ширин жатканын көрүп: "Сен кайдан келдиң, Гүлүм кана? - деди, - Мен сенин аялыңмын да, - деди ал жылмая, - Жо-ок, сен Ширинсиң мен сени дагы өлтүрөм, мага жолобой калганыңча өлтүрө берем, - деп муунта баштады, - Сен мени өлтүрө албайсың, мен сени алып кетем! - деп көрүнбөй калды, - Шири-ин сени мен өлтүрөм, Шири-ин! - деп бакылдап жатканда, чоочуп кеткен Гүлүмкан жанталаша колун бошотконго аракеттенип жатты.

- Апа-а, жардамга апа-а! - деп чыркырай кыйкырып, тыбырчылап жатканда, Апсамат менен Саадакан кирип келип, зорго бошотушту.

- Жинди болдуңбу, эмне балакет болуп кетти?

- Апа-а өлтүрүп коет! - деп Гүлүмкан халатын жамына туруп Марттан качып, ыйлап жатты, - Мени жек көрөт, мен бул жерге турбайм апа-а! - Эчкирип ыйлап жаткан келинин сооротуп, бетинен өптү.

- Кой балам, түшүнөн чоочуп жүрбөйбү, түшүнүп кой балам, ушинтип жүрө бермек беле, сакайып кетсе бөйтөңдөп, оокатыңарды кыласыңар балам.

- Билбейм апа, бара-бара түңүлүп баратам, бир жылдан бери жакшы деле жашаган жокпуз, сиздер билбейсиздер! - деп ыйлай берди. Марат үнсүз башын мыкчып отурду, Апсамат менен Саадакан уулуна дагы эч нерсе дей албады, анча-мынча тилдемиш эткен менен ичтеринен сызып уулунун эртеңки бүдөмүк өмүрүн эстей албай Гүлүмканды ээрчитип, чыгып кетишти. Марат унчукпай отурган менен жалгыз калганда аябай коркуп кетти: "Мен эмне болуп баратам, тирүүлөй тозоктун өзү ушул болсо керек, ушундай жашоодон көрө көрдө жатканым жакшы эмес беле, канткенде тынч жашайм", - деп отурганда терезе тык-тык этти. Жүрөгү болк этип, карап койсо чачы жайылган Ширин, аны тикирейе карап турган эле, Марат андан жашына бурч жакка өтүп алды эле терезени тыкылдатып жатты:

- Жогол дейм, менин тынчымды алба дебедим беле, эгер азыр кетпесең дагы өлтүрөм! - деп кыйкырып жатты, - Ширин-ин, жогол деп жатам! - деп кыйкырган үнү бул жолу өзүнө да угулбады, көзүн чакырайтып, терезени көз албай карап туруп, ачык турган сымал чубалжып терезенин көзүнөн кирип келатканын көрүп, өзүн жоготуп койду. Ошол бойдон эртеси түшкө жакын көзүн ачып, көпкө жатты да, туруп терезенин алдына келип, айнектин жаракасы да жок экенин көрүп, жүрөгү болк этип алды: "Бул мени соо койбойт экен, баары бир мени алып тынат окшойт, канткенде мындан тирүү калам, анын жаткан жерин көрсөткөндө деле, баары бир соо койбойт, башка келгенин көрөөрмүн", - деп терезеден сырты карап турганда, Саадакан кирди:

- Алда айланайын ай, кандай балаага кабылдың эле, жакшы жүрүп, жаман жолду баспасаң мындай болбойт эле го?

- Болоору болду да апа, көз алдыңарда куурап баратам, тирүү тозокту тартып жатам, Гүлүмканды үйүнө жиберип ийдиңизби?

- Жо-ок, эмнеге жөнөтөм, ал биздин бүлөөбүз, сенин аялың, ооруп жатканыңда кетип калмак беле, атаң молдо бакшыга кетти, бакшыны түнөтөлү, ошондо бир жакшы болуп кетсең кудай берсе ажеп эмес, бакшынын айтканын кылабыз да.

- Ошондо мени ээрчиген арбакты кубалап ийеби апа, ошолоруңа ишене албайм дагы, андан көрө сырым дагы өзүм менен ачылбаган бойдон кеткени жакшы, эл алдында шерменде болбой, аларды үйгө киши жок алып келесиңерби? - деди Марат бир нерседен үмүт кыла, - Көп кишинин бири айтып коет, эч кимди кошпогула.

- Өзүбүз эле болобуз.

- Гүлүмканчы?

- Ал деле үйдө болсун эми, улам үйүнө кетире берсек болбойт го? - деди.

- Ал угуп калсачы?

- Анын амалын өзүм табам, бети колуңду жуунчу, бирдеме ичип, атаң келгенче даяр бол, - деп кайра эшикке чыкты. Гүлүмкан өзүнчө ойго батып, кийим-кечесин жууп жаткан. Марат аны бир карап алып, ажатканага өтүп кетти. Гүлүмкан кээде анын түрүн көрүп: "Эмнеге минтип баратат, бул өзү кандай ооруга кабылды экен, айыгабы деги, ушинтип жашаганга кантип болсун", - деп ойлонуп, эптеп кирин жууп жайды да, үйгө кирди да түшкүгө тамак жасаганга киришти. Апсамат келип:

- Бакшы азыр бакшы эмес да, бир жакшы бүбүгө бардым, сенин тагдырыңды көрүп, келечегиңе дуба чийип бермек болду, - деди эле Марат күңкүлдөй:

- Тагдырым өзүмө белгилүү болуп жатпайбы, келечектин кереги жок, түштөн чоочуганды айыктырат бекен?

- Эми көрөт да балам, антпей көрүн, оңолуп кетсең болду, - деди Апсамат, уулунун жашоосунда болуп жаткан окуяларды көрүп, билип турса дагы үмүттөнө, арбактын мынчалык каршыгып артынан түшүп алаарын ал укпаптыр дагы, болгону кан куткарбайт дегенди укчу. Уулунун өңүнө карап алып, жүрөгү туз сепкендей тыз этип кетти: "Өлүмдүн сүрү келип калыптыр деп, илгери бир укканым бар эле, балаң кургур ай, кандай арга кылаар экенбиз, карап көрүп туруп колдон алдырып ийебизби, жолго чыкса машинасы жылбай калса, ал кыздын өлүгүн жайга коймоюнча тынчыбайт, мени ээрчитип бар десемби?", - деп ойлонуп отуруп калды. Кечке маал бүбү Эркайым келип калды, ак жуумал толугунан келген аял, Маратты көрүп эле келме келтирип алды.

- Аста-апралла-аста-апралла, инша-алла!

- Келгиле, үйгө киргиле, - деп Саадакан аны тосуп алып, ичкери карай ээрчитип кирди. Аны эч ким кирбеген конок бөлмөгө киргизип, төрт бүктөп калың төшөк салды, - Кел отургула.

- Рахмат эже, - Эркайым сыңар тизелей отуруп анан, - Өтө кыйын экен эже, балаңыздын азыркы акыбалы өтө оор тура, - деди.

- Айланайын, кудай шыпаа кылса, акыбетибиз кайтса деп, сендей адамды издеп отурабыз, тилегибизди берээр кудай, сага окшогон адамдарыбызга денсоолук берип, колуңардан шыпаа болсун.

Балаңызды аялы менен киргизиңиз, - деди Эркайым, - Саадаканды карап, - Ооба эже, ошол келиниңизге да байланыштуу, анын угуп билип алганы жакшы, экөөнө тең дем салам.

- Кызым, - деди Саадакан акырын сүйлөп. - Келин коркуп жүрбөсүн, ага билгизбей эле койгонубуз жакшы, - деди.

- Аа-а, мейли анда, мен аялы билет экен дебедимби, чакырыңыз, - деп көзүн жумуп алып, Инша-алла - инша-алла-а, деп отуруп калды. Апсамат менен Саадакан Маратты алдыга киргизип, өздөрү артынан кирип, отуруп калышты. Эркайым жумган көзүн ачпай:

- Ай-ай-ай, жаман болуптур, шайтанга жеңдирип ийген экенсиң, ал кыздын ата-энеси да ушул тапта кыйналып жатышат, кызынын өлүү-тирүүсүн билбей жаман абалда экен, атайылап өлтүрбөпсүң, бирок кыз сени ээрчип жүрөт, ай-ай балдар ай, эки жолу барыпсың, келме келтирип, куран окуп туруп, ачсаң болмок экен, эми өзүнөн-өзү ачыкка чыгаарына аз калды, сени өздөрү табат, - деди да көпкө чейин оозун кыбыратып туруп, анан көзүн ачты.

- Айланайын деги тынччылык менен бүтөбү, арты жакшы болоор бекен? - Саадакан чыдабай сурап ийди.

- Силер куран окутупсуңар, ошондо бир аз алыстап кетип кайра келип, азыр айланаңда эле турат, кыз жалгыз кыз экен, алар киши колдуу болгонун али билишпейт, келип калат деген үмүттөрү чоң экен, алар ачык билип, кызынын сөөгүн тапкандай болду, өх чиркин дүйнө ай, эне-атасы боздоп жатат, туура бир жыл болгон күнү табышат, - дегенде Марат селт этип алды: "Он беш күн калыптыр", - деп да ойлонуп ийди, - Жөн отур балам, андан ары көрөйүн, эки баласы чоң экен, алар сени өлтүргөнү жөнөштү… - деди эле Марат ордунан тура калды.

- Ал го болот, мен эмне болом ошону айтыңыз, тирүү каламбы жокпу?!

- Отур, аны айтам, сен азыртан башка жакка кетип калсаң, кутулуп кетесиң, үлгүрө алсаң болду… - Эркайым көзүн ачып Маратты карады, - Өтө татаал тагдырга туш болуп калыпсың, сен ушундайда таптакыр алыска кетишиң керек, жолуңду тосуп турат, этиет бол, мындан башка айта албайм, - деп унчукпай калды.

- Деги аргасы барбы айланайын? - Апсамат үмүттөнө карап калды, - Өлгөн кызды койгонго, баарына жардам берет элек, баламды сактап кала алабызбы?

- Бир гана арга аялына жолуктурбай, сөөк көмүлгөндөн жетимиш күн өткөнчө жер төлөөгө баккыла, ошондо гана бир арга болушу мүмкүн.

- Айтканыңды орундаталы айланайын, жаман ишке кириптер болуп калыптыр, балалыгы - көпкөндүгүбү ушинтип азап тартып отурат, ушундан аман калса астыңа ат, үстүңө тон жабайын, - деп жиберди Апсамат. Эркайым эч нерсе ооз тийбей чыгып кетти. Аны узатып коюп, эшикте жүргөн Гүлүмканды карап, үйүнө барып туруусун айтып, Саадакан өзү жөнөттү…

Батыркулдун үйүнө бейтааныш адам атчан келип түштү. Аны бүшүркөй караган Батыркул: "Ширин бизге келин болуп барган деп айтаар бекен, оо жараткан чырагымдын жакшылыгын эле уксам экен", - деп жай басып барып каршы алды.

- Ас-салоому Алейкум! - деп озуна салам айтты бейтааныш.

- Ал-леки Салам, келгиле…

- Келдик аке, сиз Батыркул дегенсизби?

- Ооба, - Батыркулдун канчадан бери кайгыга эзилип келаткан жүрөгү, түрс-түрс этип согуп, сүйүнүч кабар уга тургандай, анын оозун аңырайа карап күтүп калды.

- Сиздин кызыңыз бар экен…

- Ооба-ооба, киргиле үйгө, - Батыркул шашыла үйгө баштады, алар кирип келатканда Өлмөскан дагы элейе карап тура калды.

- Келгиле.

- Келдик, - деген бейтааныш адам алар жакшы кабар укчудай туруп калышканда, - Мен тигил эле Боз-Териден болом, атым Кудайберди, силерде кыз экен, менде уул бар эле, куда түшөйүн деп келдим дегенде: "Эмне деп жатат, кызыңар бизге барган деп качан айтат?", - деп чыдамы кете тыңшап отуруп калды, - Менин балам ушул айылдан силердин кызыңарды көрүп, ашык болуп калыптыр, жаштар өз каалаганын алам деп туруп алат экен, силерге туура келсе, кучакташкан кан куда бололу деп келдим, - деп Батыркулду карады.

- Түшүнбөдүм, кызыбыз силерге барды беле? - деп Батыркул сураганда ал:

- Жо-ок, бейжооп алып кетмек кайда, силерден жооп болсо, илгертен келаткан салт кайталанып калбадыбы, кол менен алып кетебиз, - деди алмак-салмак карай, - Кызыңардын аты Лилия экен го? Батыркул менен Өлмөскандын деми сууй отуруп калды, аттиң үмүттүн өчкөнү кандай арман, алардын оозуна сөз кирбей калды. Үй ичи тымтырс, эч кимиси үндөбөй калышканда Кудайберди таңгалып: "Эмнеге унчукпай калды, кызын бере турган оюнда болбосо керек, эми эмне болот", - деп ойлонуп калганда Өлмөскан.

- Лилия азыр жаш, кыз бере турган шартыбыз жок, - деди орой.

- Кызды сураганга бер дейт, эл катары кылабыз, балам күнү-түн апасы экөөбүздүн, жаныбызды койбой жатып жиберди.

- Бизди туура түшүн, былтыр ушул маалда Лилиядан улуу кызыбызды дайынсыз жоготуп алып, азап тартып отурабыз, азырынча кыз бере албайбыз, - Батыркул аялынын сөзүн ырастай сүйлөдү, - Өзүбүз минтип отурсак, кайдан кыз беребиз, балаңарга дагы башка кыз тургандыр…

- Кечирип койгула, андайды уккан эмес экенбиз, жаман иш болуптур, жакшылыгын берсин, жоголгондон үмүт үзбөө керек, келип калаар, анда мен барайын, - Кудайберди ордунан турганда Батыркул кошо туруп, эшикке чыгарып койду, ал кетип жатып карап: "Кызы көрүнбөйт го, балам жактырып калган кызды көрсөм болот эле", - деп атына минди.

Дал ушул кезде Жаныш менен Лилия тоодон келатып жолдо ойноп жүрүшкөн. Эртең менен эрте аларды Батыркул агасы Төрөбайдын үйүнө жөнөткөн болчу. Төрөбай жайлоого чыгып кеткен, жылда өтө алыс чыкпай эле төшкө чыкчу, сүзмө май алып келгени барышкан. Батыркул көп ойлонуп: "Лилияны колдон чыгарганда болбойт, туугандыгыбыздан кудалык жагыбыз жакын болуп кетет, Жаныш макул болсо, алып берип койсо, кандай болоор эле, Өлмөсканга кеңешейин", - деп ойлонуп, бир күнү ага айтса каршы болгон жок. Экөө кеңешип, аларды бири-бирине жакындатууну ойлоп, бүгүн атайын жиберген эле. Жолдо келатып, Лилия жүгүрүп, гүл терип жүрдү.

- Лилия! - деди алыста калган Жаныш.

- Оов, эмне болду аке?

- Мен сага гүл терип койдум.

- Азыр, мына муну алып алайын, - Лилия жайнаган кыпкызыл кызгалдактарды кучагына толтуруп, эки бети албыра жетип келди, - Ой-ий, сиз келатып эле ушунча терип койдуңузбу?

- Ананчы? - Жаныш кыздын албырып турган жүзүн, балбылдаган көздөрүн карап, ичи элжирей гүлдү сунду, - Бул гүлдү супсулуу карындашыма атайын берем!

- Рахмат аке! - Кыз ысып турган бетин баса кучагындагы гүлгө кошуп алды, - Көтөрүшөйүнбү?

- Жо-ок, ушунун оорчулугу кайсы, андан көрө бир аз отура туралычы? - Жаныш жооп күтпөй эле, көк шиберге отура кетти. Лилия анын бет маңдайына тизелей калып:

- Жаныш аке сиздин сүйгөн кызыңыз барбы? - деди көздөрүн балбылдата.

- Бул суроону экинчи жолу берип жатасың, жообум жок, мен сүйүп көрө элекмин, мындан ары мындай суроо бербей жүр!

- Макул, - Лилия таарынгандай тултуя жер карады, - Акеси карындашы менен сырдашса болбойбу?

- Кечирип кой, карындашым жакшы менин, анда мен сенден бир сөз сурайын айтасыңбы? - деди ээгинен аста өйдө кылып, жүзүнө тике карады, - Сырыңды айтасыңбы мага?

- Эгерде менде сыр болсо сөзсүз айтам! - Дароо жарк этип күлө карады, - Сүйлөштүк ээ. Мындан ары сөзсүз сыр жашырышпайбыз!

- Сүйлөштүк, - Жаныш ага колун сунду, Лилия экөө кол алышып анан туруп үйлөрүнө жөнөштү. Алар ээрчише кирип келгенде, Өлмөскан экөөнү карап кубанып алды:

- Окшошкон какмарлар, аябай кеч келдиңер да, каймак жеп келдиңерби?

- Ой чоң апам чөбөгөсүн, каймагын коюп аябай кубанды, келип тургула деп калды, жаңы тарткан каймак дагы салып берди, - Жаныш жетине албай көтөрүп келгендерин коюп, өйдө өтүп телевизорду койду, - Лилия, апама айтсаң жайлоонун кандай сонун болуп турганын, жайлоонун салкын таза абасын.

- Апа, сиз жайлоого барып келбейсизби, чоң апам дагы сизди келип, эс алып кетпейби деп калды, - Лилия Өлмөскандын мойнуна асыла эркелей кетти, - Денсоолугуңузга караңызчы апке, бизге сиздин денсоолугуңуз керек!

- Садага болоюн десе, атаң менен сүйлөшүп көрөйүнчү, ал эмне дейт болду экен?

- Атам макул болот, сиздин дениңиз сак болушун баарыбыз эле каалайбыз апа, - Жаныш да Лилияга кошулуп кетти, Батыркул кирип келип, сабыры суз алардын сөзүнө кулак сала отуруп калды, - Ата, апамды чоң апамдыкына бир ай жөнөтпөйлүбү? - деди Жаныш ошол замат.

- Эмнеге?

- Эс алып келсин, денсоолугу начарлап арыктап кетти, таза абага келип, жүрүп кетсин дешти.

- Мейли, өзү макул болсо барсын.

- Көрдүңүзбү апа, атам каршы болбойт, эртең эле бара бериңиз, - деди Лилия кубана алаканын чапкылап.

- Кагылайындарым ай, ошол жакка барганда эле санаадан арыла алаар бекемин, бул дарт мени көргө баргыча арылбаган күйүт да балдарым…

- Кой байбиче, барсаң барып эс алып келчи, - Батыркул аны көндүрмөк болду. Лилияны ойлогон Өлмөскан ичинен кыжаалат болуп жатты: "Жанагы немелер ала качып кетип калсачы, анда эмне болот, он алтыга зорго чыкты, али жаш бойдон, эмитен чоочун жерге барса кантет, алар кандай адамдар экенин билбейбиз, жаштыгын эстеп, көтөрмөлөй алабы же бакма кыз экенин айтып, чүнчүтүп ийеби", - деп сары-санаа болуп ойго батып кетти.

- Уулум, - деди Батыркул Жанышты карай, - Лилияны кайтарбасак болбойт, бүгүн бирөө келиптир, куда түшөйүн деп.

- Ким экен ал? - Жаныш атасын жалт карады.

- Тиги Боз-Териден экен.

- Кызык, - Жаныш ойлонуп калды.

- Мен билбесем, тааныбасам эле ала берет беле? - Лилия ата-энесин таңдана бейкапар карап калды.

- Кызым, кызды жактырып калса, кызды ала качып кете берет, сак бол, кыз деген ошондой болот. Анын каалаган-каалабаганы менен иши да болбойт, - Батыркул дагы аны коргоп сүйлөдү, - Сени улакча артынып кете берип, бизди шорлотпосун. Тынып калсаң го жакшы, бактыңды тилеп отурбайбызбы?

- Ата, коркпой эле коюңузчу, Лилияны эч кимге алдырбайм, - деди Жаныш, - Алар эмне үйдүн ичинен алып кетмек беле?

- Үйдүн ичинен дагы алып кеткендер болот балам, кызды аңдыган немелер ар кандай жол менен ала качат, бир жылы менин бир карындашымды апамды бекем кармап алып, эки жигит алып кетип калган, айла жок үйүнө баргандан кийин бербей коюшту, токсондогу кемпири босогого жатып алып: "Мени аттап чыксаң, чыгып кете бер", - деп турбай коюп ошол бойдон жашып калбадыбы? - деп Батыркул күлүп калды, - Колуна тийгизбеш керек, тийгенден кийин чыгарбайт кызым, сен дагы чоңоюп калыпсың.

- Анда апам менен эле тоого кете берсин, - Жаныш ушинткенде Өлмөскан күлдү.

- Ошол тоодон ала качат да, - деп Жаныштын оюн билмекке сынай карады, - Жайлоодон далай кызды атка өңөрүп, ала качкандар болгон убагында.

- Ии-ий, эмне кылам анан апа? - Лилия корккондой ата-энесин карады, - Эмнеге ала качышат?

- Илгертен келаткан салт бар, ала качмай, - деп күлүп, көпкө сүйлөшүп отурушту. Ар бир дартты убакыт дарылайт дегендей эле түндөр өз оромуна ороп алып, кайгы касиретти алып кетип, Ширинди келип калат дешип жаман ойдон алыстап, ойлогондо ойлоп тиричиликтин көнүмүш убаракерчилиги, тирүүлүктүн машакаты аларды соорото баштаган. Эртеси Өлмөсканды Батыркул жайлоого жеткирип кетти, алар жолдо баратып, өздөрүнчө кобурашып баратат.

- Өлмөс, - деди Батыркул, - Биз Лилияны Жанышка эле алып беребиз десек, эл эмне дээр экен?

- Билбейм, акемдерге дагы кеңешип көрөлү.

- Ырас айтасың, эгер алар туура көрсө, башка бирөөгө алдырып ийбей, озунганыбыз туурадыр?

- Экөө эмне дешээр экен, биздин сөзүбүздү укпай турса…

- Жо-ок, Жанышың Лилияны жакшы көрөт байкашымча.

- Ботом агасы катары болуп калган да, ойлорунда эч нерсе жоктой го?

- Көрө жатаарбыз.

- Ооба, буйруганын көрөбүз да? - Унчукпай кете беришти, жол боюнда тигилген боз үй, чатырлар, үрүп чыккан иттер. Эң төрүнөн орун алган Төрөбайдын үйүнө жете келишти. Иттин үргөнүнөн улам, Төрөбай чыга калды.

- Келгиле-келгиле!

- Келдик аке, кандай жатасыңарбы жакшы? - Батыркул аттан түшүп учурашты.

- Жакшысыңарбы аке?

- Кел балам, ырас келдиңер, бүгүн келеби-келбейби деп ойлоп жаттык эле, кечээ бир бээңер тууду, - Аңгыча боз үйгө киришти, аялы Канымжан аларды көрө калып:

- Келгениңер жакшы болду, жайлоонун керемет учурунда келип кетсин деп айтып ийдим эле, - деп абысыны менен кайнисин төргө өткөрүп, чоң кесеге кымыздан куйду, - Суусап келдиңер, алып ийгиле, көк чөпкө тойгон бээнин кымызы, - деди.

- Көрүнүп турганы менен өтө эле узак экен, эрте эле чыктык эле түш болду, - деп Батыркул кесени ала жутуп ийип отуруп калды, - Айланайын кыргызымдын тамагы, тим эле көзүң ачылат.

- Ошону айтпайсыңбы, эми совхоз, колхозду таратат деп жатышат го, эмне болоор экен? - Төрөбай инисине карады, ары жактагы газда боркулдап, бирдеме кайнап жатты, Өлмөскан абысыны экөө өздөрүнчө сүйлөшүп отурушат, абысын дегени менен экөө эже-сиңдидей эле. Бир аздан кийин неберелери малдарын айдап келип калды, Төрөбай менен Батыркул эшикке чыгып, малдарды санап, короого киргизишти да сүйлөшүп туруп калды. Төрөбай жылкы багат, өз менчигинде жыйырмадай кой-эчкиси бар, үч-төрт ую бар, өзүнүкүнө кошуп Батыркулдун койлорун дагы бакчу, быйыл койлору көбөйүп кетип, эки бөлүп жарымын Нурсейитке алпарып кошкон. Жылда Өлмөскан өзү тоого чыкчу, быйыл чыга албай калган. Батыркул агасына өзүнүн оюн айтты эле ал туура көрдү. Ошентип сүйлөшүп турганда, Канымжан аларды чакырды. Кирип дасторконго отурганда алдыга тамак келди.

- Ушуну силерге деп салып койгонбуз, балдар айтса келип калышаар деп, ырас келдиңер да, - деп Төрөбай чучукту кыя кесип кесменин үстүнө койду, - Алгыла.

- Өзүңүз алсаңыз, - деп Өлмөскан кайнагасына кол жаңсады, - Сизден озунуп кантип алалы аке?

- Айланайындар десе, мен силердин келгениңерге эле кубанып отурам, - деген Төрөбай чучуктан алып, оозуна салды.

- Ал күндө эле жеп жатпайбы, силер алгыла, кана тамакка карасаңар, силердин санааркап турганыңарда боло албайбыз, - Канымжан шорподон куюп узатты, - Кымыздан кошуп, шорподон ичсеңер. Тамактанып бүтүп, дасторкон жыйналгандан кийин Төрөбай сөз баштады.

- Жанышка Лилияны тандап туура кылыпсыңар, өзүңөр тарбиялаган кыз, бирөөгө өстүргөн гүлүңдү аралатпа дейт, эгер Жаныш макул болсо, үйлөнтүп койгонуңар жакшы.

- Эми бул өз оюбуз, силерге кеңешели дедик, эл туура көрбөй наала кылабы, аны биле албай турабыз, - деди Өлмөскан.

- Элдин эмне иши бар экен, багып тиккен силерсиңер, өзүңөр билесиңер, биздин аталарыбыз төрт-беш атадан барып анан кошулат, шариятта деле үч-төрт ата өткөндөн кийин кыз алышып жатпайбы, биринчиден кыздын багы үчүн, экинчи жакшыны жатка чыгарба деген сөз бар, туура эле болот!

- Лилия айланайын тим эле башкача болуп чоңоюп калыптыр садага, өзү дагы кичи пейил, элпек экен, боорукерин айт, буйруса жакшы-ы келин болчудай, - деп Канымжан сөзгө аралашты, - Милдетин алып, ушунча чоңойттуңар эми, биротоло өз бүлөө кылып алсаңар, жакшы эле болот, болбосо биздин Садырга бергиле?

- Ээ жеңе, кыздын сырын биле элекпиз, кандай кабыл алат, угуп алып артын карабай качып кетеби, ата-энем деп жүрсө, биз аны келин кылганга ашыксак, туура түшүнөөр бекен, жүрөгүн оорутуп алып, чымчыктай чыркыратып, жан-дүйнөсүн сыздатып алабызбы? - Батыркул жеңесине карады, - Ошол ыйлабасын, кор болуп калбасын деп жатпайлыбы?

- Жанышка айткыла адегенде, ою кандай экенин билип, анан ал көңүлү болсо, өзү эле кызды имербейби, кокус экөө бири-бирин жактырса деле, силерден айбыгып жүргөндүр?

- Чын эле жеңе, Жанышка айтып көрөлү, көңүлү бар болсо, өзү эле айтат да кызга, туура айтасыз жеңе, - деп Өлмөскан кубанып алды. Алар минтип кеңешип отурганда, Жаныш үйдөн чыкпай ата-энесинин ала-качып кетпесин деген сөзүнөн улам, эси-дарты Лилияда болуп жатты. Ойлонуп жатып уктап кетти. Лилия эшиктин алдында жүрсө, коңшусу Эмилбек басып келди. Ал баягы Асылбүнүн баласы. Эптеп кыз менен сүйлөшсө, анан Батыркулдун үйүнө куда түшүп кирүүгө даяр болуп жүргөн. Алардын кызы жоголуп кайгы тартып турганда, ооз ачууга даабай жүргөн. Эми Эмилбекти акырындап, кызга жакындатып сүйлөш деп, ата-энеси жөнөткөн эле.

- Лилия кандайсың?

- Жакшы

- Жалгызсыңбы?

- Жаныш акем бар.

- Аа-а, сени менен сүйлөшөйүн дедим эле, быйыл окууга барбайсыңбы? - деди Эмилбек кызды жалтаңдай карап.

- Эмнеге сурап жатасың?

- Мм, жөн эле.

- Барбайм.

- Үйдө эле болот экенсиң да?

- Ооба, кайда бармак элем.

- Лилия.

- Ийи, - Лилия аны кунт кое баштан аяк карап чыкты, Эмилбек өтө жоош-момун бала, - Айта бер.

- Жигитиң барбы?

- Эмнеге антип сурадыңыз?

- Деги да.

- Мен жигит жөнүндө ойлоно дагы элекмин.

- Эмнеге, бойго жетип калбадыңбы, сөз айткандар болсо керек, Лилия.

- Кой мага мындай суроо менен кайрылбай жүрчү ээ, азыр мындай сөздү угууга даяр эмесмин, - Лилия анын сөзүн уккусу келбей, үйдү көздөй басып кетмек болгондо Эмилбек.

- Лилия, кое турсаң, - деди.

- Айта бер, тезирээк айтчы? - Лилия ага жини келе, сиз дегенин коюп сенге өттү. Анткени Эмилбек Жаныш менен тең эле, - Менин жумушум бар.

- Берээк келсең эми…

- Кулагым угат.

- Бир аз сүйлөшүп туралы да.

- Убактым жок, - деп бурула берген Лилия Жаныштын чыгып келатканын көрүп, туруп калды.

- Эмне болду, бирөө келдиби?

- Эмилбек аке эле…

- Аа-а, - деп эшикке чыгып, Эмилбек менен учурашып туруп калды.

Лилия ичкери кирип, ойлонуп жатты: "Эмнеге эле жигитиң барбы деп сурай беришет, жигиттин эмне кереги бар, мен али жаш эмесминби, кызык адамдар эмнеге ушундай", - деп ойлоп эшикти акырын караса, алар сүйлөшүп турушкан экен. Кайра өз ишине киришти. Көптөн кийин Жаныш үйгө кирди.

- Лилия, - деди ал ага.

- Оов.

- Сен үйдөн чыкпачы ээ?

- Эмнеге?

- Ала качып кетпесин.

- Кантип? - Чоочулай карады.

- Ушинтип эле, апамдардын айтканын уктуң го?

- Мен эч ким менен сүйлөшпөсөм делеби?

- Лилия, иши кылса этият бол! - деди да жатып алып ойлонуп калды, унчукпай жата берди, көзүн жумган бойдон жатса дагы ою Лилияда: "Чын эле чоңоюп калган кызды күйөөгө бериш керек тура, мен өз карындашымды сүйөм деп, кантип айтмак элем, бактылуу болсун дегенден башка аргам жок да", - деп ойлоно берди. Лилия аны улам карап коет, бирок оюнда ала качкандардан коркуп, чынында сыртта жүргөндөн чоочулай баштады. Батыркулдар үч-төрт күнгө чейин келбей, экөө гана үйдө болуп жымжырт, телевизордон дагы жакшы берүү жок зеригип баратышты. Жаныш бир күнү:

- Лилия, сен үйдөн чыкпай тур, мен бат эле келем, - деп сыртка жөнөдү.

- Корком да.

- Коркпо, бат эле келем.

- Макул, тезирээк келиңиз ээ?

- Ооба, эшикти илип ал, - деди да чыгып кетти. Лилия үйдө отуруп зеригип, сыртка чыгып короонун оозуна келди, эки жакты караса, жолдо балдар ойноп жүрөт, анан өзүнүн классташ кызы Заринага бармак болуп, үйдү кулпулап чыгып, тез-тез басып жөнөдү. Зарина тогузунчу классты бүтүп, каникулда болчу. Лилияны көрүп, аябай сүйүнүп кетти. Экөө учурашып, бир топко тургандан кийин Зарина.

- Сен эмнеге окубай койдуң? - деди.

- Окугум келбей койду, атамдар антип жатса, мен окуйм деп, шаарга жүргөнүм кантип болсун?

- Анда мектепке келе бербейт белең?

- Ошону ойлобоптурмун, биздин үйдө кандай абал болгонун көрбөгөн киши билбейт да, мен алардын баккан кызы болгонум менен өз ата-энемдей көрөм, мени алар өстүргөнүн кантип унутам.

- Баса сени тигил өйүздөгү айылдык бир бала ала качам деп жатыптыр, сак бол!

- Койчу, ким айтты?

- Кечээ Шамбет менен Данилге жолуккамын, алар мени тамашалап жатпайбы, сени да ала качып кетпесин сак бол дешип, - Зарина күлүп калды.

- Ким деген экенин билген жоксуңбу?

- Сен билесиң аны, баягычы… - Зарина ойлонуп туруп, Акбар деген балачы? - Лилияны сынагандай карап калды.

- Ии-ий өлүп кеткир, ошол бекен?

- Ооба, тийишип калчу эле го?

- Ошого ким барат, кызык го ал, ага кат жазганынан ачык эле айткам, Зарина мен кетейин, атам келсе таппай калат, сен барып турчу, - деди да шашыла жолго түштү. Ошол кезде эки-үч күндөн бери аңдып жүргөн, машина аны жандай түштү да, токтоп калды, эки-үч бала кызды көздөй басканда, ал жүгүрүп жөнөдү, эми жетип кызды кармап алып, машинаны көздөй жөнөгөндө, Зарина кыйкырып жетип келди.

- Кое бергиле, соттолуп кетесиңер, мектепти бүтө элек кызды ала качканга ким жол берди силерге? - деп аларды бура бастырбай жатканда, Жаныш пайда болуп, экөөнү эки жакка уруп, Заринага Лилияны кошуп.

- Үйгө бара бергиле, - деди да балдар менен мушташып жатты, бири-биринен: "Бул ким, кызды жактырган неме эмеспи", - деп сурап алып, агасы экенин билгенден кийин бир-экиден муш жеп алып, машинага отуруп качып жөнөштү. Зарина ыйлап жаткан Лилияны колтуктап, үйүнө алып келди.

- Койчу эми ыйлабачы, дагы жакшы Жаныш аке келип калды, болбосо кетмексиң, менин алым кайдан жетмек эле?

- Эмнеге ала качышат, мен али кичинекей элемин да, мени эмне кылышат? - деп ыйлап жатты.

- Сени сүйүп калса, эмне кылат, сулуу жаш кызды ала качат да? - деп Зарина аны тамашалай жашын аарчыды.

Жаныш келип эле Лилияны тилдеп кирди.

- Үйдөн чыкпа дебедим беле, эмнеге чыктың?

- Жалгыз отуралбай калдым, коркуп Заринага эле баргам, - күнөөлүүдөй күңкүлдөп айтты Лилия.

- Эшикти илип алып отур десе, чоң көчөгө чыгып алат, дагы жакшы мен келип калдым, эмдигиче жоолук салынып калмаксың, - ачуулана сүйлөп жатканда Батыркул келип калды.

- Эмне болду?

- Кызыңды зорго алып калдык, Зарина болбосо, алып кетип калмак, аңдып жүрүшсө керек? - деди Жаныш кабак бүркөй.

- Кудай сактаган тура, айланайын кызым жакшы кылган турбайсыңбы, - деп Батыркул Заринага ыраазы боло карады.

- Эчтеке эмес ата, мен болгону аларды кетирбей кармап турдум, болбосо дароо кетип калышмак, Жаныш аке келип калганы, жакшы болбодубу?

- Эмнеси болсо да, кызымды кудай сактаптыр, алып кетсе эмне кылмакпыз, кой кызым ыйлаба, - деп Батыркул Лилияны бооруна кысып, чекесинен өөп койду.

- Үйдөн чыкпа дегенди угуш керек да, алар келбей турган болуп кетишти, бирок ишениш жок, - деди Жаныш.

- Лилия, мен кеттим анда, - Зарина Лилияга карады, - Эми сен өзүңө сак бол ээ? - деди да үйдөн чыкмак болгондо, аны менен бирге чыкмак болду Лилия. Экөө бир аз сүйлөшүп туруп, анан үйүнө кетти Зарина. Ал үйгө киргенден кийин Жаныш капаланып кирди.

- Менин тилимди албай бир паста кетип кала жаздадың, азыраак чыдасаң болот беле?

- Болду эми уруша бербей, - Батыркул ага болуша кетти, - Баятан бери урушканың жетишет.

- Ушунуку жакшыбы анан?

- Эми бала да, курбусуна баргысы келгендир, - деп Батыркул алып келгендерин Лилияга сунду, - Ал балам, каймак-сүт, эт бар, чай коюп ичкиле.

Ошону менен унчугушпай калышты. Жаныш өзүнчө туталанып: "Башка кыздарды көрбөй эле, ушуну аңдып калышканын кара, ошончолук эле катуу сүйөбү, эгер адам сүйүүсүнө жетүүгө ашыкса, анда сүйүүнү сыйласа болот го, а мен өз сүйүүмдү таба аламбы, ушул убакка чейин бир кызды сүйүп же көңүл буруп сүйлөшүп көрдүмбү, жок-жок, менин көзүмө жалгыз эле Лилия көрүнүп туруп алды. Балким бир туугандык сезимдир, кой муну коргобой эле айыл аралап кыздар менен сүйлөшүп көрөйүн, жактырып калсам неге үйлөнүүгө болбосун, жыйырма үчкө чыгып калдым го", - деген ойдо чыгып кетти.

Достору менен жолугушуп сүйлөшүп отурушканда.

- Жаныш сен качан үйлөнөсүң? - деди Данил.

- Мени эмне кыласың, өзүңчү?

- Эми экөөбүз эле калбадыкпы, эми жүрө бербей үйлөнөлү, - деп Данил күлүп калды, - Сүйлөшкөн кызың болсо биринчи үйлөн, курдаш кызы бар болсо ага мен үйлөнөйүн, - Үчөө каткырып калышты.

- Чын эле Жаныш, сен качан үйлөнөсүң? - деп Илгиз сурады.

- Эмне эле мени сурап калдыңар? - Жаныш досторун күлө карап калды, - Мен үйлөнгөндө силерге эмне пайда?

- Каныбек үйлөнгөн, Дуулат, Эрматтар баары эле аял алып алды, үчөө-төртөө калды, кел үйлөнөлү, катарыбыз менен, - Данил алаканын чаап, каткырып калды.

- Силерди кыздар менен тааныштырыш керек анда, - деп Дуулат аларды тамалашай карады, - Өзүңөр таппай жүрсөңөр биз жардам берели.

- Жүргүлө анда, кыздарга барабыз.

- Кое тургула, менин бир коңшумдун үйүнө бир кыз келген, ошого тааныштырам, бирок байкагыла, бириң тандагыла, талашып калбай, - деп Эрмат каткыра жол баштады. Төртөө-бешөө бири-бирин түрткүлөй Эрматтын артынан жөнөдү. Бир топ басып барып, Эрмат аларды токтотту, - Мен ышкырам, силер чогуу чыкпай бириң эле көрүнгүлө, Эльвира барбы десеңер эле өзү чыгат, Эльвира азыр жок, - деп Эрмат ары көздөй жүгүрө ышкырып коюп, жашырынып калды. Дарбаза ачылганда баары жашынып, Жаныш эле кала бериптир.

- Ким керек? - деди бир кыз башын чыгара.

- Аа-а Эльвира барбы? - Жаныш мукактана эки жагын каранды.

- Эльвира жок, сиз ким болосуз, келсе айтып коеюн, - деген кыз бери чыгып, көңүлдөнө сурады, - Келип калыш керек…

- Мен… мен… - Жаныш эмне дээрин билбей эки жагын карай берди, бейтааныш кызга калп айткысы келбеди, - Мен…

- Эмне өзүңүздүн атыңызды унутуп калдыңызбы? - деп тиги кыз жылмайып күлүп калды, - Ким сурап келди деп айтам?

- Менин атым Жаныш, андан көрө таанышып алалы, - деп Жаныш колун сунду.

- Менин атым Рита, - Кыз жылмая кол берди.

- Шаардык болсоңуз керек?

- Ооба, шаарда чоңойгомун, өзүм ушул айылдыкмын.

- Оо жакшы экен, өзүбүздүн эле кыз турбайсызбы?

- Туура, өз айылымды танбайм.

- Азыр бул жерде эс алып жүрөсүзбү?

- Ооба, эс алып да, жумуштар менен да жүрөм.

- Жакшы экен, эмесе биз таанышып алдык, мен барайын, - деп Жаныш жөнөмөк болгондо Рита:

- Сизди келди деп айтып коеюнбу? - деди.

- Жок-жок, сиз менен таанышканыма кубанычтамын, - деген Жаныш бурула берди.

Рита дарбазадан кирип кетээри менен узап бараткан Жанышка жашынып турган балдар жете келишти. Эрмат аларга жете келип:

- Кана бойдоктор, кимиңерге жакты? - деп сурады аларды жандай.

- Сулуу кыз экен, - деди Жаныш.

- Шаардыктарча көнүп калган кыз да? - Дуулат өз оюн айта салды, - Шаардык кыздардан алыс эле болгон оң.

- Эмнеге, шаардыктар адам эмес бекен, сүйүүнү шаардыктар жакшы түшүнүшөт, мисалы мен көрүп эле сүйүп калдым, эртең мен келип, таанышам да ала качам! - деп Данил досторуна карады.

- Эльвира деген ким? - Жаныш Эрматка карады.

- Эльвира ушул үйдүн кызы, а бул Рита болсо анын эжеси болот.

- Аа-а ошондой, баарың качып кетип, жалгыз кала берип сөз таппай калбадымбы, Эльвираны таанысам да жакшы, уят болуп кала жаздадым, ушунуңар кантип болсун? - Жаныш досторуна таарынгандай карады, - Мындай болбойт да, жок дегенде Эльвираны тааныганыңар болсо туруп турбайт белеңер?

- Мен тааныйм, сен деле таанысаң керек, Шириндин классташы да? - деп Илгиз айтып алып кайра өзү жаман абалда калды, - былтыр эле бүтпөдүбү? - деп сөзүн оңдоп кетти ал.

- Мен Шириндин классташтарын таанычу эмесмин, ошонум жакшы болуптур, - Жаныш улутуна алдыга кадам таштады, - Эгер таанысам, аларды көргөн сайын жүрөк тыз этип, жүрө бермекмин.

- Кечирип кой дос, байкабай айтып алдым, сенин жүрөгүңө катуу тийээрин билем дечи, эсимден чыгып кеткенин кара, - Илгиз күнөөлүүдөй шылкыя башын кашыды.

- Эчтеке эмес, айтылат да, алар менен окуганы жалган беле, кабатыр болбо дос! - деп Жаныш аны далыга таптады. Дуулат менен Жаныш бала кезинен жакшы мамиледе болчу, экөө аскерге эки бөлөк барып, ортосу бир аз алыстай түшкөн болчу. Эми экөө кайрадан мамилесин оңдоп, жаңыдан сүйлөшүп, алардан бөлүнө Дуулаттын үйүн көздөй басышты.

- Дос, үйгө барып аяшың менен тааныш, көптөн бери байланыша албай кеттик, мен мурда үйлөнгөнүм үчүн жолум да улуу, - деп Жанышты карады, - Буйруса сага кызды өзүм табам.

- Уят го, аяшка өз жолу менен барайын, - Жаныш тайсалдай артка чегинди, - Бир күнү барып таанышам, азыр эмес.

- Болбойт, азыр барасың, аяшыңды көрүп, отуруп анан кет, - деген Дуулат болбой эле аны колтуктан ала тартып жөнөдү.

- Мени уят кыласың го? - Жаныш күлө анын жетегинен бошоно бирге басып жөнөдү, алар жете келгенде кара каш, кара көз ак жуумал, арыкчырай узун бойлуу келин үйдөн чыга калды, күйөөсү менен келаткан жигитти көрүп, кайра кирип кетти. Экөө каткыра кирип келгенде Дуулаттын апасы Айсулуу.

- Кел айланайын, келе гой, дегеле келбей кеттиң, карындашыңдан дайын-дарек барбы? - деп сурамжылап кирди.

- Кандайсыз аяш апа, жакшысызбы? - Жаныш ийиле калып, колун берип учурашты да, өздөрүн карап калган жаш келинге карады. - Жакшысызбы аяш?

- Келиңиз, - деп төргө карай кол жаңсады, - Өйдө өтүңүз…

- Рахмат.

- Индира, бул менин досум, аты Жаныш, таанышып койгула, бул менин келинчегим Индира, - деп Дуулат экөөнө карай күлүп койду, - Ушул дос, таңгалып жаткандырсың, аскерден келип эле, үйлөнө калганга.

- Жок-жок досум эмнеге, мен адегенде уккан дагы жокмун, андан кийин шарт болбоду…

- Түшүнөм Жагыш, иши кылса жакшылык менен бүтсүн, сен аскерден келгенде Индира экөөбүз шаарга кетип калганбыз, кыскасы бал айын өткөрүп келдик десем болот го ыя Индира туурабы? - деп келинчегине карады.

- Эмнеге болбосун, болот эле, айылда ал турсун кыргызда андай түшүнүк аз, ошондуктан бал айы эмне экенин билишпейт да? - Индира жылмая карады.

- Бизде бал айын деген жайлоодо өткөнү жакшы, тоонун таза абасы менен жыпар жыттуу кооз гүлдүн арасында, шаркыраган тунук, өзөндөгү суунун боюнда өткөргөн да ата-бабаларбыз, андан өткөн жакшы ай болобу? - деп Жаныш күлүп калганда Дуулат.

- Туура, илгеркилер бал айын кайдан билди дейсиң, болгону алар тоо ташка өсүп чоңойгон, ошол жактан үйлөнүп, жашап өмүрлөрүн тоодо өткөрүшкөн да, - деп Жанышты коштоду.

- Кооз шаардын бирин да көрүшкөн эмес да алар, - Индира ал экөөнүн сөзүнө каршы чыкты, - Жашоонун кызыгын сезбей, талаада жашап өтүп кетишкен.

- Жашоонун эң кызыгы аяш, дал ошол биздин тоолордо, абасы таза ичкениңе кымыз, чучук менен картаны, куйрукту кыя кесип жеп, чара толгон эт, чанач менен кымызды ташытып доорду ошолор сүрүшкөн, шаар деген шаар, ар түрдүү элдин түшүнүгү ар башка, ушул учурда аяшты бир жайлоого алып барып келиш керек экен.

- Барса барып мактаган жайлооңорду көрүп келейин, качан алпарасыңар? - деп Индира суроолуу күйөөсүн карады.

- Буйруса бир күнү, аны сүйлөшүп алалы, - Дуулат Жанышты карады, - Кайдагыны айттың эле, эми качан алпарасың деп, менин жанымды койбойт, - Дуулат күлүп калды.

- Анын эмнеси бар, бат эле сүйлөшө коебуз, аялы барлар аялыңарды алып, бойдоктор өзүбүзчө бир жумага барып келебиз, чатыр алып алабыз, - деди Жаныш.

- Чатырдан үшүбөйбүзбү? - Индира алардан таңгала сурады, - Аякта там жокпу?

- Жайлоодо боз үй менен чатыр гана болот, бир жума сени үшүгөнчө уй саадырсак окшойт?

Үчөө тең күлүп калышты. Сүйлөшүп отурушуп күүгүм кирип кетиптир, Жаныш үйүнө жөнөдү. Анын кечиккенинен улам Батыркул сары-санаа болуп жол карап жатты, көңүлү калган немелер балдарынын басканынан да чоочулай беришет. Байыш он-он беш күндө бир сүйлөшүп турат. Почтодон чакыруу келишин да зарыга күтүп калышты. Кечигип сүйлөшкөн Байыш окуусун бүткөнүн, жакында үйгө келишээрин айткан. Эми Жаныштын кечиккенинен чоочулап, улам үйгө кирип, кайра чыгып, тынчы кетип жасаган тамактарын да ичише элек.

- Эмне кечикти, кайда кетип калды?

- Ата досторуна кетсе керек, - деди Лилия.

- Досторуна ушунча жүрүп алабы?

- Жүргөн чыгаар, келет азыр, - деп Лилия атасы менен бирге эшикте турган, аңгыча карааны көрүнгөндө эле.

- Кайда жүрөсүң балам, ушунча дагы кечигесиңби? - деп Батыркул утурлай басты.

- Эмне болду, үйдө отура бербейт белеңер?

- Сенин кечиккениңден карап турганбыз.

- Аябай кечиктиңиз го, атам сары-санаа болуп эчтеке ичпей карап отурат, - Лилия ушинткенде Жаныш.

- Сени менен сүйлөшпөйм, качан менин тилимди аласың, анан сүйлөшөм, - деп атасына, - Жүрүңүз эми, - деди.

- Мындан ары кечикпей жүрчү, балдарыңа жолугуп эртерээк баса бербейсиңби балам, ансыз да өзүбүз зорго жүргөндө, Ширинден кийин силерден коркуп да калдык, - Батыркул үйгө киргенден кийин ушинтип уулун карады, - Бизди аясаңар боло?

- Ата, корко бербесеңер, мен эч жакка кеткен жокмун го, Дуулат үйлөнгөндө баралбай калгам, ошондо болдум.

- Ошентсе дагы кечикпей кел, кеч калба.

- Болуптур, мындан кийин кечикпейм, - Жаныш атасын аяй жылмайган менен өзү деле карындашын эсинен чыгаралбай жаман абалда жүргөн, ыйлагысы келип, өзүн кармап унчукпай калды. Лилия тамагын алып келип койду, алдына койгон тамакты Жаныш ичпеди. Лилия агасына аябай таарынды. Бирок аны жазып, алаарына ишенип турду.

Ошонун эртеси Лилия үй тиричилиги менен үйдө болчу, Батыркул менен Жаныш эшикте жүрдү, алма бактарын карап, түптөрүн жумшартып, арык тазалап, койдун көңүн чаап сыртка чыгарып жаткан. Батыркул улам уулун карап коюп, ага оюндагысын кантип айтаарын билбей кайсаңдап жатып.

- Жаныш, - деди жакын келип, - Бир сөздү айтайын дедим эле…

- Айта бериңиз ата.

- Лилия кандай кыз?

- Ал эмне дегениңиз?

- Сага жагабы?

- Кызык, карындашымды кантип билбейин, жакшы кыз, эмне болду ата айтсаңызчы, дагы бирдеме болдубу? - Жаныш атасына түшүнө бербей карап калды.

- Апаң экөөбүз кеңешип…

- Эмнени?

- Лилияны… - Ошол убакта алардын жанына Лилия келип калды. Экөө бири-бирин карап, туруп калды.

- Чай ичкиле ата, түш болду, - деген Лилия аларга айтып коюп, кайра кетип калганда эчтекеге түшүнбөй турган Жаныш:

- Эмнени кеңештиңер эле, ата айта бериңиз, - деди.

- Эми-и Лилия биздин өз кызыбыз эмес, аны өзүң да билесиң, Лилия жакшы кыз болуп чоңоюп келатат, бир күнү болбосо, бир күнү муну дагы бирөө алып кетет, окуп ал десем бизди аяп барбай койду…

- Анан?

- Анан эмне, байкап көр балам, эгер көңүлүңө жакса, сага Лилияны эле алып берсекпи дедик эле… Сен жигит болуп калдың, түшүн.

- Кантип? - Жаныш уккан кулагына ишенбей кубанаарын же капаланаарын билбей туруп калды.

- Ушинтип эле, туугандыгыбыздан кудалыгыбыз жакын болчу, атасы жашынан жетим калган, аны жетимканага алпарып коюшкан, мен андан калган жалгыз кызды өзүм асырадым, жакшыны жатка чыгарба деген сөз бар, куда түшөбүз дегендер да чыгып жатат, ойлонуп көр уулум, - деди да Батыркул ары басып кетти: "Айтып деги койдум, өзү каалап өзү чечсин, чоңоюп ак-караны түшүнүп калды, кандай чечсе, ошондой чечет өзү билсин", - деген ойдо болду ал. Жаныш да өзүнчө ойлонуп көрдү, ал бала кезден бери өзү жакшы көрөөрүн билчү. Эми атасынын айтканына ичтен толкунданып алды: "Демек мен Лилияны жакшы көрөм, атамдар эбак эле мага энчилеп коюшкан тура, кандай гана бакыт, Лилияга эптеп айтам, ал дагы каршы болбойт чыгар", - деген ойдо үйгө кирди. Батыркулдун жанына отуруп алып, чай ичип жатып, тымызын кызды уурданып тиктеп жатты. Кыз азыр эч нерседен капарсыз эле.

- Кызым, апаңа барып келесиңби? - деди Батыркул чай ичип бүткөндөн кийин.

- Эмнеге?

- Барып беш он күн жүрүп кел.

- Сиздер кыйналып каласыздар да?

- Эчтеке эмес, сен дагы үйдө жүрүп зериктиң, тоого чыгып чоң апаңдын кыздары менен эс алып кел.

- Макул.

- Сен Жаныш, карындашыңды жалгыз жибербей жеткирип кел, - деп Жанышты карады, - Жол ээн коркот.

- Макул, - деп жер карай жооп берип туруп кетти.

- Качан жөнөйсүң кызым?

- Сиз айтыңыз.

- Анда бүгүн жуунуп ал, мен чоң атаңарга бере турганды даярдайын макулбу?

- Макул.

- Эртең эртерээк жеткирип коет, - деп ал дагы эшикке чыгып баратып, - Баштык берчи кызым, - деди. Лилия баштык алып берди. Анан колу бошой калып, Жаныштын жанына барды, ал аны карабай ишин уланта берди.

- Жаныш аке…

- Ийи.

- Мага капа болуп калдыңызбы?

- Жок.

- Айтсаңыз эми?

- Жок дейм.

- Таарынбайм деңиз…

- Таарынбайм, болдубу эми? - Өйдө боло аны карап калды, - Ыраазы болдуңбу? - Күлүп койду. Лилия кубана анын мойнуна асылып:

- Менин агатайым, таарынбаңызчы мага, экинчи сиздин тилиңизди алам ээ? - деп жаркылдап көздөрүнө карады.

- Ооба, тилимди албасаң күйөөгө берип жиберем, - деди бошоно.

- Ооба сага, күйөөгө тийбейм.

- Эмне, башка күткөнүң барбы, Лилия?

- Айтпаңызчы мага, - деп жүгүрүп, ары көздөй кетип калды.

- Лилия!

- Ийи?

- Атам каякка кетти?

- Дүкөнгө.

- Аа-а, - деп койду да ишин улантып кирди, көз алдына Лилиянын бакыраң кара көздөрү, өзүнө жаш баладай асыла кеткен мүнөзү: "Демек меники болот, эч кимге бербейм, мен аны сүйөм", - деп эргий жумушун көңүлдүү кылып жатты. Батыркул андан кийин унчуккан жок, "Өздөрү чечсин, эгер бири-бирин жактырса каршылык кылбайбыз, жактырышпаса анда бактылуу болушсун", - деп ойлонуп ичинен сызып тим болду. Эртеси атты токуп берип, экөөнү тоого жөнөттү. Жаныштын артына учкашып бараткан Лилия:

- Аке, мен басып алайынчы? - деди.

- Эмнеге, бутум ооруйт го.

- Оорубайт.

- Түш анда, - Жаныш аны түшүрүп туруп, атты чаап кетип баратканда Лилия:

- Атама айта-ам! - деп кыйкырды. - Аке-е! - Лилия отуруп алды.

Ал жылбай отуруп алды эле Жаныш кайра келип:

- Жөө кетесиңби? - деди күлүп.

- Жо-ок.

- Кел мин анда, - деп өзү ээрдин артына минип, Лилияга алдын көрсөттү, - Кел.

- Азыр, - Лилия ээрге минип алып, чылбырды кармап камчыны салды эле ат алып кетти, Жаныш ыргып кетпей зорго карманып калды:

- Жинди болдуңбу, мен жыгылып кете жаздадым.

- Жыгылбайсыз, мен атты кандай минет экенмин, айтсаңыз аке, жакшы минет бекенмин? - деп кыткылыктап, балалык назик күлкүсү чыга артына бурула берди, - Жакшы минет бекенмин аке!

- Укмуш, кыз куумайга түшсөң жеңип чыкчудайсың.

- Чынбы?

- Чын эле.

- Аке.

- Эмне дагы?

- Ачууланбасаңыз, - Лилия таарына кетти.

- Болду-болду таарынба, эми ачууланбайм, айта бер.

- Бир аз эс алалычы?

- Чарчадыңбы?

- Жо-ок.

- Анда эмнеге?

- Жөн эле, көк шиберге отургум келип жатат, - Кыз агасын кылыя карады, - Макулбу аке?

- Макул, тоого кеч жетебиз да, мен кайра келишим керек, тентектенбей бас, эртерээк жетели.

- Мейли…

- Таарынып калдыңбы, Лилия?

- Жо-ок.

- Анда эмнеге унчукпай калдың?

- Жөн эле.

- Лилия?

- Ийи аке.

- Бир нерсе айтсам таарынбайсыңбы?

- Таарына турганбы?

- Ошондой го…

- Айта бериңиз, угуп көрөйүн.

- Мен сени жакшы көрөм.

- Кубанам, кандай сонун агам бар?! - Лилия анын айта турганын билип эле туруп билмексен болгондой жооп кылды.

- Сен түшүнбөй калдың, Лилия.

- Анда…

- Мен сени сүйүп калдым окшойт…

- Эмне дедиңиз?! - Лилия аттын башын тарта токтотуп артына бурулду, - Эмне дейсиз?

- Сүй-үп кал-дым!

- Жинди-и!

- Эмне болду?

- Ушинтип да айтасызбы мага, өзүнүн карындашын ошентет бекен, аке?

- Лилия, чын айтам, мен өзүмдү кармай албай калдым, сага бирөөлөр куда түшүп келгенин уксам жаман абалда калам.

- Ка-алп! - деп Лилия аттан секирип түштү да өйдө көздөй качып ыйлап баратты.

- Лилия, токто, Лилия!

- Аный токтобойм, бара бериңиз үйгө, - деп бурула калып айтты да кайра жүгүрүп жөнөдү.

Жаныш атты камчы салып чаап жетип түшө калды да кармап калды.

- Лилия дейм, мен сени түшүнөт, угат десе сен эмне болуп жатасың? - Карысынан ала булкулдатты, - Сүйүп калгандын айыбы барбы?

- Мен сизди агам деп эркелеп жүрсөм сиз…

- Лилия, сен мени түшүнчү, - Жаныш кызды көк майсан шиберге отургузду, - Биз бир тууган эмеспиз, ошондуктан бири-бирибизди сүйүүгө акылуубуз уктуңбу, эгер мен сага жакпасам ачык айта бер, анда өз каалаганыңа кете бересиң.

- Менин каалаганым деле жок.

- Анда өзүң бир күнү жолугасың, сени мен кыйнабайм, мен болгону ачыгын айттым, сени сүйөм Лилия, сени сүйөм, уктуңбу?

- …?

- Сени эч кимге бергим келбейт, кызгана берчү болдум, эгер сенин көңүлүң болбосо мындан ары кыйнабайм…

- Кеттикпи? - Лилия көз жашын аарчый, өйдө боло аны карабай айтты, - Кеч болуп калат го?

- Эми мен дагы тоодо калам, атам бир күн туруп турат.

- Атамдар ээн жолдо жүрсөк эмне дешет, кетели эми?

- Отур! - Буйрук бере сүйлөдү, - Отур дейм.

- Мына, - Лилия анын жанына отурду, жан дүйнөсү сыздап: "Бир тууган эмеспиз деди ээ, Ширин эжем деле мени ошентчи эмес беле, балким алардыкы туурадыр, бөлөк болгондон кийин бөлөк болот экен да, өз бир тууганындай болбойт экенмин", - деп ойлонуп жатып: "Чын эле, мен деле жакшы көрөм, сүйүү экенин билбейм, бирок Жаныш акемди аябай жакшы көрөм го, эгер атамдар каршы болушсачы, мени жаман көрүшсөчү", - деп тунжурай отуруп калганда Жаныш анын ийнине колун койду.

- Секелегим десе, мен деле сени бир тууганым деп билем, бирок жүрөктү башкаралбай калдым, сен мени жактырбасаң агаң бойдон кала берем, бул сөз ортобузда кала берсин.

- Атамдар билсе эмне деп ойлойт? - Лилия ушул кезде ага тике карап, суроо узатты, - Алар мени жаман көрүшсөчү?

- Андай болбойт, эгер билгиң келсе алар сени бөлөк бирөөгө бергиси келбей кызы да келини да болуп калышыңды каалашат, - Жаныш кызды эми эмне дээр экен деп сынай карап калды.

- Эмне-е, атамдар дагы билеби? - Көздөрүн чо-оң ачып таңгалганынан эси оой отуруп калды, - Ош-шондой экен да-а…

- Лилия, мен сени кыйнабайм, өзүң сүйгөнгө жолугуп бактылуу болушуңду каалайм, капаланбай эле кой, эгер сөзүм катуу тийсе кечир! - деп Жаныш ордунан турду, - Жүрү кеттик.

- Кеттик, - дегенде Лилия улутунуп алды.

Экөө унчугушпай кете беришти, Лилия атка минип Жаныш жөө басып баратты. Эч кимиси үн чыгарбай сөз башталса эле бир нерсе болчудай бара берди. Түш оой Төрөбайдыкына жете келишти. Экөөнү көргөн Канымжан Өлмөсканды чакырып чыгып:

- Көрдүңбү тигилерди, тим эле жарашып калышат тура, алдыңа кетейиндер десе, ушундайда кулагына сиңире турган кылып айта бергиле, - деди.

- Кудай айланайын, экөө ошентип, бири-бирине көнүп кетишсе канакей жеңе, мен Лилияны башкага чыгаргым келбейт, - экөө кобурашып турганда жете келген Жаныш.

- Чоң апа кандайсыз? - деди да Лилияны аттан түшүрдү.

- Садага болоюндар окшошкон, ысыкта чарчадыңарбы, кир кире койгула үйгө, кымыздан жутуп эс алгыла, - деп экөөнү эки бетинен өөп үйгө киргизди. Өлмөскан уул-кызына учурашып Лилиянын бүркөө кабагын байкап унчукпады. Жаныш кымыздан жутуп алып, кайра жөнөмөк болгондо Төрөбай болбой койду.

- Эмне шашасың арам, андан көрө эс алып эртең эрте карындашың менен бул балдарды ээрчитип алып жайлоону көрүп кет, атаң бүгүнчө жатып алаар, Лилия деле көрө элек жайлоону, көңүл көтөрө билсеңер боло жаштар, кандай гана сонун кези.

Үйдө жумуштар көп да чоң ата, үйдүн эки жагын оңдош керек, ичи-тышын дагы ремонт кылалы дегенбиз.

- Иш бүтө берет! - деп койду Төрөбай, - Андан көрө бир-эки күн эс ал, апаңды дагы тоону башына чыгарып көркүнө суктана билгиле, жанагы жаштар шаарга качкыча ушул эле өзүбүздүн жерде жайкысын жайлоодо, кышкысын үйдө бут сунуп жашоону кызыгын көрсө болбойбу?

- Болду эми, балдар келсе эле, баягы сөзүңдү айта бересиң да, азыр жаштар өзү билет, кандай жашашты, - Канымжан күйөөсүн жактырбай сүйлөдү.

- Ээ айтып коюш керек да.

- Өзүн кой, келген баланын башын оорутпай тим кой, эс алсын, эртең менен көрөбүз, - деп кемпир, чал өздөрүнчө күбүрөшүп, анан тулга асып, тамак даярдоого киришти. Лилиянын бүрүшө кабак бүркөп отурганын көргөн Өлмөскан.

- Үшүдүңбү, жылуураак кийип алчы кызым, кечкисин жайлоо суук да, - деди өнтөлөй, - Өзүң дагы илбийип арыксың, үшүп каласың, - деп абысынын чапанын алып берди, - Муну кийип ал.

- Апа, үшүгөн деле жокмун, - Лилия буркуя сүйлөдү.

- Өңүң түктөйүп турат го?

- Сизге ошондой көрүнүп жатат го? - Аста жооп берип ордунан туруп, - чоң апа жардам берейинби? - деп жанына барып, Канымжандын колунан жасап жаткан ишин алды.

- Тим эле койсоң боло кызым, бүгүнчө отуруп эле турчу, эртең тиги сербеңдеген сиңдилериң менен ойноп кел, - деп Канымжан мындай боло берди.

- Мен эле жасайм, отура бериңиз, - деп Лилия камыр жууруп, кесме кыла баштады.

Аны көз кыйыгы менен карап турган Жаныш өзүн күнөөлүү сезип жатты: "Азырынча айтпай койгондо болмок экен, шашып кеттим окшойт, мейли көп ойлонуп, бир чечимге келээр, кокус мен сизди эч качан сүйбөйм деп басып кетсечи, анда эмне кылам, жүрөгүм аны сүйөөрүн сезбей каратып туруп башкага кетип калсачы, балким мага өчөшүп да, ошол ишке барса канттим", - деп сары-санаа болуп отурду. Демейде жаркылдап жайнап, апалап турган Лилиянын бул түрүн көргөн Өлмөскан өзүнчө бушайман: "Буларда бир сыр бар, Батыркул Жанышка айтса керек, Лилия аны угуп калдыбы, ошого капаланып жатабы, чоочутпай эле кое турса болмок экен", - деп ойлонуп кыздын ар бир кыймылын көз салып, ойго батып кеткен экен.

- Ээ Өлмөскан, кызымдын жасаган кесмесин карачы, садага болоюн десе, бир жерди агартып-көгөртөт экен, бактылуу эле болсун, - деп Канымжан жетине албай отурду.

- Өзүмдүн тарбиям да жеңе.

- Ооба десең, кудай кут кылсын, кызыңдын жакшылыгын көр дегенде, Өлмөскандын жүрөгү зырп этип сайгылашып алды: " Аттиң Шириним, ширин кызым кантти экен, ошонун жакшылыгын көрүүнү мага буйрубады го, жараткан ай, деги аман көзүмө көрсөтөөр бекенсиң, канткенде чырагымдын көзүн көрөөр экенмин", - деп ойлоно калды. Андан кийин дасторкон жайып, тамакты алып келди Лилия, тал төөндөй болуп, баарын даярдап жатканда Канымжан Өлмөсканга көз ымдай нукуп, шыбырап койду: "Көрдүңбү, мыктай кыз болуптур, буйруса өзүңө күйүмдүү болот", - деди.

- Айланайын секелегим десе, колумду узартып, көңүлүмдү тазартаарым, эркем менин, - Өлмөскан Лилияга жалынып-жалбарып жатты, - Ушунум жакшы жерге барып, бактылуу болсо менин бактым.

- Ооба десең, бактылуу эле болсун.

- Ушу аялдар бирдемени эле айта беришет, андан көрө балдарды тоо ташты, жаратылышты сүйгөнгө үйрөтпөйсүңөрбү? - Төрөбай аялына ачуулана кетти, - Жаштардын пейили башкага бурулуп кетип жатат, мурдагыдай улууну сыйлаган биякта калсын атанын сөзүн бала укпай, эненин сөзүн кыз укпай заманга шылтап текебер болуп кетти, - деп кейий сүйлөдү.

- Эми чал, биздин колубуздан өз балабызды тарбиялайлы, калган жаштарды кудай төөсүн берсин, заман тынч болсо болду да, эми өз балдарыбыздын бой жеткенине кубанбайлыбы? - Канымжан эрине опурула карады, - Бар анда өкүмөткө барып айт, закүн чыгарсын жаштарды тарбиялагыдай.

- Койдум байбиче, койдум эми, өкмөткө бара турган болсом, жылкы кайтарып, тоо башында жүрөт белем, жан үрөп мени шайлагыла дегендер шайланып алгандан кийин, кабыл албай кабинетине жок дедирип жашынып алат анан менин сөзүмдү угабы?

- Анда колуңдан келбесе жөн отур!

- Чоң атам туура айтат чоң апа, чын эле жаштар жаман жолго түшүп кетип жатышпайбы? - Жаныш сөзгө кошулду.

- Айла-анайын уулум, мени коргобосоң азыр чоң апаң мени сабаганы турат, - деп Төрөбай карс-карс күлүп калды, бакылдашып отуруп тамак желип бүттү. Лилия үндөбөй жумуштарын бүтүрүп, анан төшөк салды. Баары боз үйдүн ичине кыдырата жатып калышты. Лилия Өлмөскандын жанына жатты, анын чачынан сылап, жүзүнөн сүйүп:

- Эмнегедир капасың кызым, - деди Өлмөскан акырын.

- Жо-ок, эч нерсе болгон жок, капаланган деле жокмун, - Лилия апасынын сөзүнө эрээркеп барып токтоду.

- Садагам десе, капаланбай жүр.

- Мейли…

- Жаныш бирдеме дедиби?

- Жок.

- Уктай гой эми, эртең жайлоонун сонун жерлерин көрүп келесиңер, дагы он-он күн жүрүп, үйгө кетебиз ээ?

- Мени сиз жибер деп атама айттыңыз беле?

- Ооба, жайлоого келип кетсин дегем.

- Ии-ий.

- Жөн эле сурадыңбы?

- Ооба, атам өзү айттыбы деп ойлогом.

- Экөөбүз кеңешкенбиз, сен деле Ширинден кийин чөгүп жүрөсүң, анын үстүнө ала качат имиш деп угуп алып, көөнүбүз тынбай жатпайбы?

- Ии-ий да.

Унчугушпай калышты. Өлмөскан уктап кеттиби коңурук тарта баштады, Лилиянын көзү тирмийип илинээр эмес: "Демек чогуу кеңешкен экен да, мени колунан чыгарбай келин кылып алуу ою бар тура, чынында Жаныш акем жакшы, ал мени жакшы көрөт, мен дагы, ушул сүйүүбү, балким туура ойлоп жатышкандыр", - деп ойлонуп жатып, таңга маал зорго уктады. Эртең менен Төрөбай таң заардан эле бакылдап, небересин ойготуп, жылкыга жөнөтүп, өзү Канымжанга кулун кармап берип жатты. Өлмөскан дагы эрте турат, ал жардам бермек болгондо, болбой коюшкан: "Өзүң зорго жүрсөң, анан бээ саамак белең, жайлоодо эс алып эле кет балам, биздин тирүүлүктөгү жакшылыгыбыз эле ушул" - дешип койгондон бери ары-бери басып, анан бээнин жаңы саалган саамалынан ичип коюп, оңолуп калган. Күн көтөрүлө баары туруп тамактангандан кийин Өлмөскан Жанышка:

- Силер тиги кырга барып, ары жактагы көлдү көрүп келгилечи, Лилия аякты көрө элек, сен деле көргөн эмессиң, - деди.

- Макул, Марина менен Тилектер дагы барабы?

- Ооба, баарыңар баргыла, Марина го зорго турат, тобо эси-дарты эле оюн, заматта таппай калсам тиги кырда бу кырда жүргөн болот, - деп Канымжан небересин карады, - Эжең менен барып кел!

- Макул, кечке ойноп, гүл терип, көлгө чейин барып келебиз ээ? - деп Марина алаканын чапкылап калды.

Лилия үн дебеди, колдоруна айран, токоч салынган баштыкты алып жөнөштү. Марина менен Тилек жүгүрүп, алдыга кетип калышты, Жаныш күнөөлүүдөй Лилияга үн катып сүйлөй албай катар басып кете берди.

- Мен шаарга кетүүнү чечтим, - деди Лилия Жанышты карабай кетип жатып, - Окуу үчүн эмес, иштөө үчүн.

- Ушундай чечтиңби?

- Ооба.

- Өзүң ушул чечимиңди туура деп эсептейсиңби?

- Ооба.

- Макул, каалаганыңдай болсун, мен сөзүмдү кайра алдым, сени капа кылып алганым үчүн өкүнөм.

- Өкүнгөндө не пайда, ооздон чыккан сөз атылган ок…

- Кечир!

- Сиз мени кечириңиз, жамандыгымбы-жаштыгымбы, жетимдигимди эми гана сезип отурам. Бир күндө акыл эси жетик улгайган адамга окшой түштүм, атамдарга, сизге дагы ыраазымын, өмүрүмдү узартып, чырпык бойдон калганымда, тамырына суу жүгүртүп көгөрттүңөр. Ата-энеден калып, көзүмдүн жашы тоголонуп турганда, ак-көктү ажырата элек наристе кезимде канатына калкалап, жүрөгүнөн мээрим төгүп, бөпөлөп баккан ата-энем деп, жүргөн адамдардын өз ата-энем эмес экенин билгенде, бир жан дүйнөм эзилди эле… - Лилия улутунуп алды, - Эми минтип дагы көңүлүм чөгүп, көкүрөктө арманым ашып-ташып алдастап отурам, мени кечириңиз! - деди да ылдамдай басып, тоо башына жөнөдү, аңгыча Марина кучак гүлдөрдү терип күйүгө жүгүрүп келип:

- Бул сизге, а бул сизге! - деп бөлө экөөнө берди, - Кандай экен, жыттуу бекен? - Марина Лилияны жадырай карады.

- Сонун экен, рахмат! - деп кызды бетинен өөп койду: "Кандай гана бактылуу кыз, ата-энеси кашында, минтип чоң ата, чоң энеси алпештеп багып жатат, ата-энем дагы мага окшоп жетим болуп чоңоюшуп, эми бактылуу болоордо өлүп калышканын карачы, алар деле чоң ата, таята-таене болсо болмок, эх жараткан, эгер мен бирөөгө турмушка чыксам, томолой жетим экен дешет го", - деп оор улутунуп алды. Жаныш үн катпады, Марина кайра алдыга чуркап кеткен, Жаныш Лилияны арт жагынан.

- Сен шаарга кетсең өзүң бил, келип тур, эми сага башка сөз айталбайм, бирок өмүрүм өткүчө бойдок өтөм, үйлөнбөм, - деди акырын гана, - Көңүлүңө жагып, жүрөгүң сүйгөн адам болбогондон кийин үйлөнгөндө не, бактылуу бол Лилия, жолугуп сүйлөшкөнүбүз, коштошконубуз ушул болсун, кетсең жакшы бар! - деди да артына кайрылып ылдамдай басып кетип калды. Лилия жалт бурулду, бирок үн катууга жарабады: "Не кылдым, мен мерездик кылып койдумбу, эми эмне болот, ушул бойдон көрүшпөйбүзбү, эртең эле кетем дегениме атамдар макул болушабы, кызы жоголуп кайгы тартып турганда кетем деп таарынганым болоор бекен, жакшылыгына жамандык каалагандай болуп калбаймынбы деги, оо жараткан, эки зоонун ортосунда калдым, өзүң жар боло гөр", - деп ойлоно тоонун башына чыгып көпкө отурду. Ырас эле чөккөн көңүлдү көтөрчүдөй керемет жер экен. Орто жеринде мелмилдеген чакан көл күнгө чагылышып кызыл, жашыл нур чачырап ого бетер жапжашыл төрдү көркүнө чыгарып күңгөй-тескейлердеги бетеге буралып карагандардын ак гүлдөрү бажыраят: "Эх жараткан, ушул кооздугуңда ата-энем менен ырахатка бөлөнүп бактылуу күлкүгө оронуп отурсам ээ, минтип жүрөгүм сыздап, көңүлүм бул жашоонун адилетсиздигинен миң ирээт калып, баарына нааразы болбой. Жаныш акем менен мурдагыдай эле сүйлөшүп, эркелесем кандай сонун болот эле, эми ал мени карабай калды го, тагдыр деген кызык тура, балапан күнүмдөн бир канатым сымал эш тутуп жүргөн адамым менен ушундай жолдо айрылышмак белек", - деп ойлонуп көзүнүн жашы сызыла көпкө отурду.

- Лилия эже-е! - деген Маринанын үнү аны селт эттире көз жашын аарчый!

- Эмне болду? - деди үнүн созо.

- Бери келсеңи-из.

- Жо-ок, - Лилия колун булгап ордунан козголбоду.

- Лилия эже-е, бери келсеңиз, кашкулак бар эке-ен!

- Корко-ом, - Лилия кыткылыктап күлүп ийди, - Тентек кыз десе, мен дагы аны карамак белем? - Өзүнчө жылмайып алды.

- Болбойсузбу? - деп Марина кыйкырып Тилек экөө чуңкурду чукулап жатышты. Көптөн кийин жанына келип бежиреп сүйлөп кайра Тилек экөө чукулдаша кетип жатты.

- Жүргүлө кетели, - деди Лилия аларга.

- Эже азыр кетпейбиз, кел андан көрө айран ичебиз.

- Макул, - деп көк чөптүн үстүнө майлык жайып, токочту сындырып, кесеге айрандан куюп, үчөө иче баштаганда алардын жанына атчан Төрөбай келди:

- Кызым кандай эс алып жатасың?

- Жакшы чоң ата, - Лилия тура калды.

- Отур, отура бер, кардыңар ачты, ичип алгыла.

- Чоң ата, оногу жерде чо-оң кашкулак бар экен! - деп Тилек ары жактагы күңгөйдү көрсөтүп калды, - Көрдүңбү чоң ата, аябай чоң кашкулак экен, атып аласызбы?

- Шашпа балам, кашкулак азыр семире элек, семиргенде атабыз, чоңое берсин, - деген Төрөбай атын темине бастырып кетти.

Лилия аны артынан карап туруп улутунуп алды: "Кандай жакшы адам, балдарынын балдары минтип маңдайында ойноп турса, булардан өткөн бактылуу адам болбосо керек, а атамдарчы, али небере көрө элек, жападан жалгыз кызын жоготуп кайгырып турганда аларды мен дагы сары-санаага салганым болбойт го, акылсыз жаным, бир өзүмдү ойлоп таарынганды ким коюптур, мен ошолордун айтканындай гана болушум керек, милдеттүүмүн ошого", - деп ордунан тура калганын сезбей калды.

- Жүргүлө кеттик! - деди ал шашкандай.

- Эже, дагы бир аз отуралы да? - Марина моюн толгоду.

- Анда силер ойной бергиле, мен кеттим.

- Эмнеге, сиздин ордуңузда болсом ойной бермекмин, сиз болсо ойнобойт экенсиз, азыр барсам чоң энем урушуп, аны жаса, муну жаса деп жан койбойт! - деп мурчуйду, Лилия ага жылмая карап:

- Мен чоң кызмын да, а сен кичинесиң, ойносоң болот, ал эми чоң апам болсо сени жумшап үйрөтөт да, чоңойгондо жумуш жасаганды билбесең уят болот, мени дагы апа ошентип чоңойткон, - деди башынан сылап ойлуу, - Жүрү баралы, кечкиге тамак жасаш керек болот, кары кишини убара кылган болбойт.

- Лилия эже, сиз дагы көпкө жүрөсүзбү? - Тилек аны карады, - Кетпей эле коюңузчу?

- Эмнеге?

- Сиз бар болсоңуз бизди ойноп келгенге, жиберип турат да?

- Ошон үчүнбү? - Лилия кыткылыктап күлүп ийди, - Эмне үчүн мен барда, дайыма мына бул кооз жерде ойноп жүрөсүңөр го?

- Иш кыл деп уруша берет, мен эрте туруп, жылкы айдап келем, кайра кулун кармайм.

- Ошол жакшы да, мен сендей болсом кулун менен жарышып, ойноп жүрө бермекмин, - деди Лилия. Үчөө кубалаша ылдый түшүп келишти. Өлмөскан Лилиянын алдын тосо келип:

- Жакшыбы кызым? - деди жылмая.

- Жакшы, - деди суз гана Лилия.

- Негедир түрүң башкача кызым, бир нерсеге капасыңбы?

- Апа, мен чоң апама жардам берейинчи, - деген Лилия басып кетти. Өлмөскан унчукпай кала берди. Кечки тамакка камынып жаткан Канымжандын колунан ала коюп, өзү даярдап кирди Лилия, ага ыраазы болуп алкап жатты, Өлмөскан уулу Жаныштын унчукпай кетип калганын, Лилиянын өзү менен сүйлөшкүсү келбей качып, капалуу жүргөнүн ойлоп, кыжаалат болуп турду: "Эмне болуп баратат, бактылуу үйбүлө элек, кызым дайынсыз жоголуп, эми уулум менен кызымдын ортосунда эмне болуп жатат, жараткан өзүң ынтымак берип, үйбүлөбүздүн берекелүү бактысын кайтара көр", - деп жүрөгү сыздай эч нерсеге көңүл бурбай боз үйгө кирип жатып алды.

- Ээ Өлмөс, сага эмне болду, күүгүмдө төшөккө жатпа, шайтан-шабыр адам ооруп жатат деп айтса кудайым, мен оору бербесем да оорудум деген пендеге кесел бер, дейт экен, күүгүмдө жатпай жүрчү, - деп Канымжан күйпөлөктөй үйгө кирди.

- Жаткым келди жеңе, - деген Өлмөскан: "Байкуш жеңем ай, абысындык кылбаганын, бирөөлөр бизди эже-сиңди деп ойлошот, качан болсо мага жан тартып бир тууганымдай кам көрөт, кандай гана жакшы аял, пейли кенен, жүрөгү таза", - деп ойлонуп жаткан жеринен өйдө болду. Малын жайлаштырып кирген Төрөбай.

- Кызым, жакшы эс алдыңбы? - деп дагы Лилиядан сурады.

- Жакшы эс алдым, баары жакшы экен, көңүлүм ачылып сонун эс алдым чоң ата, - деп Лилия жаркылдай жооп берди.

- Кагылайын десе, жаркылдаган мүнөзүнө жараша бактың ачылсын айланайын, - деп койду Канымжан, - Барган жериң сенин кадырыңды билип, куштап ала турган жер болсо болду.

- Чоң апа, мен күйөөгө тийбейм!

- Анан эмне катын аласыңбы? - Канымжан жылмая карады, - Ушу кудайга ыраазымын да-а, кокус аялдарга бийлик берилип калса, кыздар каалаганыңарды кылмаксыңар ээ? - деп мулуңдап койду.

- Коюңузчу? - Лилия кызара бетин басты.

- Койбой эле.

- Чоң апа-а.

- Болуптур эми, унчукпайм, - Күлүп калды.

- Бала немени уялтпачы, - Төрөбай кемпирине ормое карады. Өлмөскан унчукпай отура берди, бакылдашып аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, жатууга камынышты. Лилия Өлмөскан менен жатты, экөө үн катпай жата берип уктап кетти.

Лилия кетем деп айта албады, унчукпай жумуш жасап, Канымжанды кубантып колун узартып койду эле, кой өзүм кылам, сен эс ал дегенине карабай, тырмышып койбой жасай берет. Ичинен Канымжан деле аны бүлөө кылып алгысы келет, бирок кайниси менен абысыны ага бербесин түшүнгөндөн кийин унчукпай калган. Эртең кетебиз деген күнү Канымжан аны жанына алып калды. Өлмөскан коңшунукуна кеткен.

- Лилия, - деди мээримдүү жылмая.

- Эмне чоң апа?

- Сен бойго жеттиң кызым, баарын түшүнүп калдың, атаң менен апаң сени тырмактайыңдан биздин көз алдыбызда чоңойтту, балдарынан кем көрбөдү, - Анын унчукпай отурганынан улам эңкейе жүзүн өзүнө каратты, - Угуп атасыңбы, кызым?

- Угуп жатам чоң апа.

- Сага бир сөз айтсам капаланбайсыңбы?

- Жок.

- Анда угуп тур кызым, кандай ата-эне болбосун, баласын бактылуу болсо деп тилейт, сен чоңоюп, ар ким куда түшмөк болгондон улам, сенин тагдырыңа кайдыгер карагысы келбей…

- Өздөрү келин кылып алганы жатышабы? - деди Лилия көздөрүнө жаш мелт калт толо.

- Сен кайдан билесиң, кызым?

- Билем, адегенде баарына кайыл болуп, биротоло кетип калмак болгом, бирок ата-энемдин кайгысын көрүп туруп, кете албасымды билдим, аларды капаланткым келген жок, бактылуу жетим экенимди сезип, алар эмне десе ошого макул болууну туура көрдүм, - Лилия буркурап ийгенде Канымжан кучактап калды.

- Эсиңден айланайын кызым, акыл-эсиң барынан ойлондуң да, көп жашап бактылуу бол садага, - деди бооруна бекем кысып.

Өлмөскан мунун баарын угуп, боз үйдүн сыртында ыйлап турду, ал чакырган жерден келатып, алардын сөзүн угуп туруп калган эле, артына кайрылып тигиндейрээк барып, отуруп алып, көз жашын аарчып: "Кудайга шүгүр", - деп эчтеке укпаган болуп, кайра үйгө кирмек болуп келатканда Лилия сыртка чыга калды.

- Келип калдыңызбы, апа?

- Көпкө отурдуңуз го?

- Жиберишпей тамак асып калды, мени менен бар десем болбойсуң.

- Мага эмне бар апа, чоңойгон кыз апасын ээрчип алса болмок беле, андан көрө чоң апам менен эрмектешкеним жакшы эмеспи? - деп жаркылдай күлүп койду.

- Алдыңа кетейин десе, чоңойгон кызын ээрчитип алыптыр десе дээр, сен мен үчүн али секелек эле бойдонсуң, - деп Өлмөскан ага мээримин төгө жылмая карады, - Чоң апаң экөөңөр ынтымактуу болуп кеттиңер го, менин ичим күйүп жатат, - Тамашага чала сүйлөп мурдунан чымчып койду, - Сен ушул жерде күзгө чейин кала берсеңчи?

- Сиз кыйналып каласыз апа, ооруп калдыбы деп ойлоп, тынчым кетип жүргүчө, сиз менен эле кетем.

- Мен эмне болмок элем, кудай берген жашты жашаармын, кызымдын дайынын билсем эле болду эле…

- Ушинтип ойлоно берип ооруп каласыз анан, Ширин эжекем буйруса табылат, анан бир кубанып калабыз, - деп Лилия Өлмөсканды кучактап өпкүлөп ийди, - Ооруп калбачы апа, сенин денсоолугуң бизге керек!

- Каралдым десе, мына мен ойлонбойм, өлгөнчө күтө берем, Ширинди күтүп жүрүп өтөм! - деп солкулдап жатты Өлмөскан. Канымжан аны көрүп, зээни кейип кетти.

- Карангүн ай, болду эми, өзүңө карасаң болбойбу, кайгырганда эмне катыгүн, өзүңдү-өзүң жеп жатпайсыңбы?

- Ушундан көрө ал жоголо электе өлсөм эмне жеңе, азыр өлгүм келгени менен чырагымды көрбөй чыдай албай жатпайынбы? - Улутуна көз жашын аарчып жатканда, Лилия чөөгүн алып келип колуна суу куюп берди, ал дагы ыйлап жүрөт. Бул күндүн өткөнүн сезбей да калышты, Ширинди кайра-кайра эстеп бир ыйлап, бир сооронуп отурушуп, кеч киргенде короого мал келгенде гана ордуларынан туруп өз иштерине киришти.

Эртеси эрте туруп чаначка кымыз куюп, сүзмө май, эт-сүт, кылып атка артып, Тилекти кошуп беришти. Батыркул үйдө жалгыз экен, аларды көрүп утурлай басты.

- Келдиңерби, акемдер кандай жатышат?

- Жакшы жатат, үйдө Жаныш жок беле? - Өлмөскан утур карап, үй жактан көзү өтө сурады.

- Ал кечээ балдары менен тоого барам деп кеткен.

- Келген жокпу?

- Бир жумадай жүрөбүз дешти го?

- Анчалык эмне жүрөт экен? - Өлмөскан чоочулай күйөөсүн карады, - Капырай кай жактагы тоого барышат экен?

- Кайдан билем, болду эми кудай сактасын, көп эле ойлоно берип, башыңды оорутпай, ойлонгон дагы көзгө зыян болот экен.

- Эк, ушу көздү да, өзүмдү да алып кетсинчи деги! - деп Өлмөскан сары-санаа болуп үйгө кирди, Лилия ого бетер ойлонуп калды: "Мага өчөшүп же таарынып келээрибизде атайын кетип калган го?", - деп ичинен сызып жатты. Батыркул Лилияны карап:

- Келчи кызым, сагынып кеттим, бир кучакташып алалы, - деди эле Лилия келип кучактап калды, - Сексеңдеген секет кетейин десе, бой жетип калсаң эле атаңдан оолактаба кызым, - Чекесинен өбө бооруна кысып көпкө турду, - Айла-анайын кызым… - Каңырыгы түтөй түштү. Өлмөскан андан бетер өзүнчө кобуранып, кудайга жалынып отурган. Ал оюнда Жанышты да жоготуп аламбы деп чоочуп жаткан. Бул үйдө туура он бир ай, он беш күн кайгынын капасында турганы өздөрүнө белгилүү, күн санап отурушканы гана өкүнүчтүү…

Жаныш тура бир жума дегенде үйгө келди, ата-эне кубанганынан баса калып өпкүлөп жатты, Лилия баштагыдай болбой суз гана өз иши менен алек боло берди, Бирок жан дүйнөсү дүрбөлөң түшүп кыйнала берди, ага карай албай же сүйлөй албай мууну калчылдап чыкты. Жаныш да ал жакка көңүл бурбаганга аракет кылып, атасы менен сүйлөшүп жатты.

- Жакшы ойноп, келдиңерби уулум?

- Эң сонун ата, балдар чогулуп, бир кой союп алып, чатыр тигип ыраса эс алдык, керемет кооз тоо койнунда ырахат экен.

- Жакшы-ы жаштыгыңар барда ойноп-күлүп алгыла уулум, жаштыгыңар өткөн соң тиричиликтин тузагына түшүп отуруп каласыңар, - деп койду Батыркул уулуна.

- Болду, баланы ойноп күл деп көкүтүп калбай, ушундай убакта ойноп күлбөй жөн жүр десеңчи, - Өлмөскан ачуулана күйөөсүнө көзүн алайтты, - Ойноп күл дегендин ордуна эрте келип жүр, кечке калба, заман башкача болуп баратат дебейсиңби ыя?

- Ошондо эле балаң чоюлуп чыкпай калабы?

- Атанын сөзүн укпай койчубу, угат атасы уга-ат, мына Брежнев өлгөндөн кийин алмашып отуруп жанагы маңдайында калы бар неме закондун баарын өзгөртүп, демократияны жарыялап элди баш аламан кылып жатат, эл тынч эмес, анан ойноп күл дейсиң, - деп жинденип көпкө сүйлөдү, башы ооруп заматта кан басымы көтөрүлүп ооруп калды, Лилия дарысын көтөрүп келип, чай берип чебелектеп жатты, бир жагында Жаныш. Экөө улам бири ары караганда бирин карап калып жатты. Онтолоп башын көтөрө калып, - Байыштар келебиз дешти эле, эмгиче эмнеге келбей кечигип жатат? - деди Өлмөскан.

- Келип калат, байбиче көп ойлонбочу? - деп Батыркул аны жайгара сүйлөдү.

- Апа, өзүңө карабай койдуң, тынчтансаңчы? - Жаныш апасын кучактай чекесин басты, - Эмне эле мынча өзүңдү кыйнайсың билбейм, - деп кейий баштады, Байыш акем жеңем экөө келип калышат, балким алар балалуу болобуз деп сүйүнчүлөп келишеттир.

- Аа-ай жараткан, балдарыма ынтымак-ырыскы, дөөлөт бере көр! - деп Өлмөскан онтолой сүйлөп жатты, - Алар келебиз деп, алдап койду ээ? - деп үшкүрүнө жатып калды.

- Болду да эми, өзүң ооруп каласың, балдарды дагы кыйнап жатасың, - деди Батыркул, - Сабыр кыл да эми байбиче?

- Бактыгүл болбой жаткан го болбосо, уулум бизден кабар алганы келмек, Шириндин жоголгону бир азап, балдарымдын чачыраганы эки азап болот го мага, - деп күйөөсүнө карады, - Мен өлбөйм Батыркул, кызымды айт, күлгүнүндө гүлү ачылбай кайда жоголду?!

- Апа, эс алчы эми.

- Апа, кейибеңизчи, - дешип Жаныш менен Лилия эки жагынан үстүнө үйрүлүп турганда Өлмөскан.

- Окшошкон арамдар десе, ушинтип эле жарашып жүрө берсеңер экен, - деп атайлап айтканда алар бири-бирин жалт карап калды, үндөбөй кайра туруп, апасын карап үстүнө төшөк жаап кымтыламыш болуп алаксып кетишти. Ошондон кийин эч кимиси үндөгөн жок, Лилия дасторкон жайды, жайлоодон келген эттен тамак жасаган. Өлмөсканга жаткан жерине берди, андан кийин Жаныш өз ордуна жатып алды. Лилия үнсүз гана өз ишин жасап, ата-энесине төшөк салып жаткырып коюп, өзү көпкө идиш-аяк жууп кыбырап жүрө берди. Канчалык алаксымак болгон менен эч өзүн кармай албай ыйлагысы келип эшикке чыгып алып оозун баса бугу чыкканча ыйлады, буулугуп жатты…

Эртеси Өлмөскан ордунан туралбай ооруп калды, денеси от болуп күйүп, башы сынып ооруп алдастап жатып дары ичкенден кийин уктап эс ала түштү. Үйгө доктур алып келип көрсөттү. Өлмөскан кыйналып жатып, бир туугандарынын кабар алып койбогонуна капа болуп турду. Эки-үч күн төшөктө жатып, кайра оңолуп калды Өлмөскан, анын бул абалын көргөн Жаныш эч жакка чыкпай калды. Бир күнү ал эшикте жүрсө Дуулат менен Илгиз келиптир, Жаныш алар менен сүйлөшүп, көпкө турду. Илгиз ага:

- Жаныш, баягы Ритага жолугуп келбейлиби? - деди.

- Жок досум, мен эч жакка чыгалбайм, апам ооруп калып жаман кыйналды, мени түшүнгүлө.

- Аа-а мейли анда, - деди Дуулат, - Сени арыдан бери Ритага үйлөнтө коелу деп жатса.

- Азыр үйлөнө албайм балдар, биздин башыбызга түшкөн кырсык адамдарга келбесин, акыбалыбыз оор, - деп улутунду Жаныш.

- Туура-туура, жакшылык менен эле бүтсө болду, жакшы эле аракет кылдык, бул айылда шек-шыбаа жок, ал башка жакка кетсе керек, болбосо бир дайыны чыгат эле.

- Ким билсин, эмнеси болсо дагы аман-эсен болсо кана?

- Капаланба дос, биз анда кайталы, а-а баса сени дагы мечитке барып, намаз окуганга чакырсакпы дегенбиз, унутуп кетип жаткан турбаймынбы? - деп Дуулат ага кайрыла басып келди, - Эртең жума намазга баралыбы?

- Барам.

- Анда даяр тур чогуу баралы, мечитке барып, намаз окуйлу эми, дин жолунда жүргөн адамдардын тилегин берет экен кудай дагы.

- Болуптур, намаз окуса окуйлу, - Жаныш аларга жылмая карап жооп кылды, - Силер мурда бардыңар беле?

- Ооба, мен барып жүрөм, аяшың мени молдо кыла турган, кечиксем дагы сурак берем, - деген Дуулат тамашалай күлүп калды.

- Намазды бирөөнүн кыстоосу, каалоосу менен окубай өз ниетиңди коюп окушуң керек, сен бирөө айтты десең чоң жаңыласың, кудаанын кулу, пайгамбардын үмөтү деп бүт тирүү жандардын баары кудайдын алдына барат го?

- Ии-ий, сен мунун баарын билип туруп, анан намазга али жыгыла элексиңби? - деп Илгиз ага карады, - Нагыз чоң молдо боло турган жайың бар экен сенин.

- Болду анда эртең жолугабыз, - деди Жаныш. Ал ойлонуп калды: "Ырас эле мечитке барып намаз окуп турсам окшойт, кудайдан тиленсек Ширин табылып калаар", - деген ойдо үйгө кирди. Өлмөскан уулун баса-турса карап турат, анын балдар менен бир жакка баруусун такыр каалабайт. Кийинки күндөрү түшүнө Ширин көп кирчү болгон. Көзүнө кадимкидей көрүнөт да: "Апа, мен жөнүндө көп ойлонуп капаланба, мен тээтигил эле жактамын, силерге келе албай жатпайынбы?", - деп заматта көздөн кайым болду. Дагы бир жолу кадимкидей эле экөө кетип жатыптыр, ээн талаа экен бир убакта токтоп: "Апа, мен тээтиги жактамын", - деп төш тарапты көрсөтөт да, ошол жакты көздөй кетип баратканда, Өлмөскан: "Токто Ширин, токто-о!", - деп кыйкырып ойгонгон. Анын жүзүн кадимкисиндей көргөнгө: "Садага болоюн десе, аман-эсен экен, бир күнү келип калаар", - деп ойлоп алып, ал көрсөткөн тарапты элетете албай кыжаалат. Бүгүн дагы ошондой болду, Үрпүян деген аял бар болчу, ал алда качан эле өлгөн, Ширин ошол аял менен жүрүптүр, Өлмөскан ага: "Кызым, үйгө келсең боло, кайда барасың, десе, "Апа мен үйгө барбайм, жакында тээтигил жакка барганы жатам, анан мага келип кетип тур", - деп Үрпүян менен ээрчише кетип баратты. Ойгонуп кеткен Өлмөскан көзүнүн жашын көл кыла жатып алып ыйлай берди: "Оо жараткан, эбак өлгөн неме менен жетелешип жүргөнү эмнеси, кызым бул жарыкта жок окшойт, эмне күндө калдың каралдым, сенин азабыңдан карып болуп баратам го жалгызым", - деп жаш баладан бетер чүмкөнүп алып ыйлап жатты. Анын кейигенин көргөн балдары, күйөөсү чебелектеп эле жатып калышат, ошол үчүн ал ыйлаганын көрсөтпөй жата берди. Ал солкулдаган сайын төшөк ичинен деми чыкпай жатып, ошол замат дагы өзүн жоготуп кое жаздап, бетин ачып ийгенде, баятан бери аны карап турган күйөөсү:

- Ой сага жин тийдиби, али кудайдын чачкан ырыскысы элге тарай электе ыйлап, андан көрө кудай десең боло, эрте туруп тилек кылып сурансаң боло? - деп жини келе аны көргөн көзүнө ишенбей турду, анткени анын көздөрү шишип, көөп калган, - Сен эмне уктабай эле түнү бою ыйлагансың го? - деп жанына отурду, - Минте берсең бат эле жок болосуң го шордуу…

- Шорумдун катканын эми билдиңби, алда качан эле бүтпөдүм беле?

- Тобо кылсаң боло, тобокелчи тоо ашат, сен кичине сактансаң боло, ушуну менен эле баары бүтөт дейсиңби, балдар турат аларды ойлобойсуңбу, сен экөөбүз болбосок, алар дагы жетимсиреп эмне болот, экөөнө эки үй салып, адам катарына кошсок болбойбу? - деп үңкүйүп отуруп айтып жатты Батыркул, - Сабырдуулук керек да, сабырдын түбү сары алтын деп ошону үчүн айткан.

- Кантейин эми, кайратымды жыйбасам болчудай эмес, - Өлмөскан үшкүрүнүп алып ордунан туруп эшикке чыкты: "Кой, ырас эле эки уулум турбайбы, аларды да ойлоюнчу, тобо кылайын" деп ойлонуп, бети колун жууп үйгө кирди. Жаныш менен Лилия ойгоно элек болчу, чай коюп идиш-аяктарын жууп, үй ичин тазалап кыймылга кирди, канчадан бери өлүү тирүүнүн ортосунда гана жашап калган. Батыркул аялынын бул кадамына ичи жылып, кубанып алды: "Байкушум десе, ойлонду окшойт, кайрат адамды курчутат, кайраттуу адам көп нерсени жеңет эмеспи, эми кудай деп турсак бир кабар болоор", - деп ойлонуп, аялынын алып келген чайын ичип, экөө сүйлөшүп жатты:

- Балдар тура элек го, тим койсо кечке укташат.

- Мейли, уктаса уктай берсин, кайсы жумушубуз бүтпөй жатты эле, кудай ушуларга өмүр берсинчи, - деди аргасыз оозунан көк түтүн бур эте Өлмөскан.

- Кудай жакшылыгын эле берсин, - Батыркул чайын ууртап, жерге чынысын коюп жатканда, сырттан адамдын үнү угулду. Эрди-катын бечара, бири-бирин карап, мындайда эсин жогото: "Ээ кудай жакшылык кабарбы же жамандыкпы, кандай сөз-кеп угаар экенбиз, Ширинден жакшы кабар болуп калса", - дешип экөө тең бир ойду сыдырып өтүшөөр эле. Алар оюн жыя электе эле:

- Үйдө киши барбы? - деген үн менен кошо тык-тык урулду каалга. Батыркул ордунан туруп эшикке чыкса, эки-үч эркек аял туруптур, бейтааныш; жүрөгү болк этип, оозуна сөз кирбей жалдырай карап туруп калды, - Ассало-ому Алейкум! - деди ага кол узата өзү курду бейтааныш адам.

- Ал-леки Салам! - деген Батыркул дагы эле делдейе алардан көз албай: "Ширинимден бир кабар айтышабы?", - деп карап туруп калганда бириси.

- Аке сиз менен сүйлөшсөк дедик эле, - деп жанындагыларга бурула ыңгайсыздана туруп калды.

- Аа-а, кандай жумуш?

- Эми-и, жай отуруп сүйлөшсөк болобу?

- Аа-а, ооба-ооба, киргиле үйгө, - деп мындай боло берди, Өлмөскан дагы чыгып келаткан.

- Саламатсызбы? - деп баш ийкеше учурашып үйгө кирип отуруп калышты. Өлмөскан дагы оозуна сөз кирбей Батыркулдун кейпин кийе отура берди. Келгендер буларга таңгалышып турду, ошондо улуурагы тамагын жасай сөз баштады.

- Бизди тааныбай жатканыңар ырас, ырысы жокко доочу, ырыстууга жуучу келет дегендей силерде кыз бар экен жуучубуз, - деди аларды карай.

- Кандай жуучу, кимди айтып жатасыңар? - Өлмөскан аларга ачуусу келгендей карады.

- Айта бергиле, анан сөз бизден болсун, - деди Батыркул сөз төркүнүн эми гана баамдагандай.

- Силерде кыз бар экен, бизде уул бар, кудай кулум деп кошуп койсо, куда бололу деп келдик.

- Кызды сураганга… - деп келатканда Өлмөскан аны сүйлөтө койбой.

- Сураганга бергидей кыз буюм бекен? - деди орой.

- Байбиче кепти угалы, - Батыркул аялын тыйды.

- Лилия деген кызыңарга куда түшүп келдик эле, уулубуз силердин айылда таятасынын колунда чоңойгон, аскерден жаңы келди, аты Адисбек, - дегенде ички бөлмөдө уктап жаткан Лилия ойгонуп алып угуп жатты, - Кызды жактырып калыптыр…

- Биздин кыз али жаш, мектепти бүтө элек, кандай келсеңер ошондой жолуңарга түшкүлө! - деп Өлмөскан жинденип кеткенде аны токтоткон Батыркул жай гана түшүндүрүүгө аракеттенип.

- Келгениңер жакшы, бирок биз азыр жаш кыздын тагдырын чече албайбыз, өткөн жылы ушул маалда улуу кызыбызды дайынсыз жоготуп алып ушул күнгө чейин дайын-дарегин биле албай отурабыз, кызыбыз жаш, быйыл тогузду бүттү, жакшы ниет менен келген экенсиңер эми бизди түшүнгүлө! - деди жер карай.

- Кечирип койгула, биз билген жок элек, бирок сөзүбүзгө жооп алып кайталы, жуучулуктун асты деп бирдеке алып келдик эле, бул он миң сом, эшикте жылкыны кармап уулубуз турат, быйыл болбосо келээрки жылы келинибизди алып кетээрбиз, кабыл алып коюңуздар! - деп улуусу кагазга оролгон акчаны койгондо Өлмөскандын ачуусу келип:

- Алып келгениңерди алгыла да үйдөн чыккыла, кызыбыз сатыла турган буюм эмес! - деп кыйкыра кагазды анын колуна карматты да, - тезинен үйдү бошоткула! - дегенде, алар ордунан тура жөнөштү.

Батыркул унчукпады, тек алар чыкканда узатып жетелеп келген жылкысын кошо айдап чыгарып койду. Ызаланган немелер үндөбөй жөнөп кетти.

Ошол убакта Лилия эшикке чыгып кетти, эч нерсе укпаган, эч нерсе билбегендей болуп койду: "Адис айбан, өзү сүйсө өзүн кыз сүйөбү же сүйбөйбү деп дагы ойлоп койбогонун кара", - деген Лилия ойлуу ажатканага барып кайра кирди.

- Кызым, деги сени тынч койбой турган болду го, өзүңдөн жоопсуз келген адамдарды кетирип жатабыз, же өзүң жактырганың барбы, айтчы кагылайын? - деди Батыркул.

- Ата, алар ким экен? - Лилия атасына карай суроо узатты.

- Жуучулар кызым, - Батыркул үңкүйө жооп берди.

- Ким дегендер экен?

- Ким экенин сураган жокпуз.

- Ии-ий, ушулардыкы өттү, жөн эле келе беришеби? - деп жини келген Лилия эшикке чыгып кетти.

- Кызымдын азыр жигит менен деле иши жок, анан эле жуучусу жүдөттү, кандай немелер эле деги? - деп Өлмөскан өзүнчө күңкүлдөдү.

- Ата дагы эки киши келатат, киргизбей эле коюңузчу? - деп Лилия жүгүрүп, үйгө киргенде Жаныш ички бөлмөдөн чыга калып.

- Мен чыгайынчы ал ким экен? - деп уйкулуу көзү менен чыгып кетти.

- Өзүң эле чыксаң боло, бала неме катуу айтып каршыктырып албасын? - деп Өлмөскан күйөөсүнө караганда, ал туруп чыгып Жаныш менен сүйлөшүп турган адамдардын жанына келди. Анын бири тааныш Орунбай деген неме экен. Ал Батыркулду көрүп учурашып калды.

- "Жуучу менен элчиге өлүм жок", - деген сөз бар иним, биз балабыздын айтканы боюнча келип калдык. Кудайберди бир келген экен, силердин ачууңарга-таттууңарга орток бололу деп, кайрадан эшигиңерге келип отурабыз, кыргыз элибиздин салтында: "жуучу менен жолдо сүйлөшпөйт, элчи менен эшикте чечишпейт", - дегендей ичкери кирип кеңешсек кантет? - деди сакалын сылай.

- Кыз тагдыры чечилип калган, эми сүйлөшүүнүн кереги деле жок, бара берсеңиздер болот! - деп Жаныш оозуна айтканда:

- Кызга келет жүз киши, жүз кишинин бирөөсү, акыры болот күйөөсү дегендей андай болсо каршылыгыбыз жок, илгертен келген адамга даам таттырбай узатпайт го элибиз, - деди Орунбай Батыркулга карап, Жанышка карап сүйлөбөдү, баласынтты окшойт чамасы. Жанындагы да оозун таптай:

- Кыз буйругандыкы эмеспи, кимге-кайда барса дагы бактылуу болсун дечи, жоокерчилик учурда да биздин эл суусундук алып чыккан экен, - деп жылмайганда Батыркул уяла аларга карап:

- Биздин айбыбызды кечиргиле, үйгө кирип даам ооз тийгиле, - деп башын жерге сала үйдү көздөй баштады. Жаныш атасынан айбыгып эчтеке дей албады. Үйгө кирип, жайланыша отуруп анан Орунбай сөзгө өттү.

- Биз силердин кайгы-касиретиңерди угуп кайгырып жатабыз, жараткан пендесине ушул кыска жашоосунда жамандык бербесин, кеп уккуңар келбей турганын сезип эле турабыз, бирок адамдын өмүр жашоосу улана берет эмеспи, үмүт чиркин үзүлбөй тиричиликтин кулу болуп күн кечире беребиз, кыздын бараар жери күйөө дегендей бири-бирибиздин кебибизге конок берсек, жаштардын илгери үмүтүн кеспей ак батабызды берип кудай кошсо, куда болсок деген чоң үмүтүбүз бар!

- Бул сөздү кайталаганда не, даам ооз тийиңиздер, кызым суусундук алып келчи! - деди Батыркул атайын эле, Лилия уялганынан мууну калтырай кесеге толтура кымыз куюп келип атасына сунду, тигил экөөнүн көзү кызда болуп, теше тиктегенин көргөн кыз ого бетер сүрдөп жатып кайра бөлмөгө кирип кетти.

- Уулубуз жактырганынча бар экен Батыркул, биз келген жолдон кайтпайбыз, эртең эшигиңе той түшүрүп кызга сөйкө салалы, уруксаат бер, Каныкейдей кабелтең, Айчүрөктөй асылжар, Курманжандай баатыр болчу кыз экен, жок дебе, кыздын багынын ачылаарын ойлоп, кыз калыңына өзүм бир машине элүү миң сом беш жылкы койдум, эртең алып кетели, - дегенде Жаныш.

- Бул үй кыз сата турган үй эмес, адам сатып ала турган болсоңор башка жакка баргыла! - деп жиндене аларга жаман көз менен карап, - Силердин малыңарга күнүбүз түшүп калган жери жок, суусундук ичип, даам ооз тийдиңерби жолуңарга түшкүлө! - деди ачуулана.

- Батыркул, айттым койдум да, кызды сураганга, кымызды суусаганга бер деген эмеспи, кең ойлонуп бир чеч! - деген Орунбай ордунан туруп жөнөдү, - Айып көрбөгүлө, кыз бар үйгө жуучу келет, карызы бар үйгө доочу келет деген ушул, - деди да жөнөй берди.

- Өх! - деп алды Өлмөскан, - Дегеле тынчтык бербейт го, ыя Лилия, сен Байыш акеңдикине кетип калсаңчы, үмүтүн үзгүчө, - Кокус алып кетип калып жүрүшпөсүн?

- Алып кетсе эле бара бермек белем, милиция менен алып баса бересиңер да? - Лилия жылмая карады.

- Ой жок ээ сенде, баягы күнү эмне болдуң эле. Зарина болбосо эмдигиче отуруп калмаксың, - деп Жаныш Лилияга жини келгендей карады.

- Качан? - Өлмөскан чоочуй карады.

- Көп болду, кызың өзү көчөгө чыгып алган экен зорго алып калганбыз, жанагы келгендердин баласы болуш керек.

- Ко-оку-уй, кой кызым үйдөн чыкпай отур.

- Качанкыга кайтармак элеңер, бирине берип ийгиле да, болбосо жанды койбойт, Жаныш көз кыйыгы менен Лилияны карап койду, - Акыры алып кетишет минтип отурса.

- Кой балам, дагы бир-эки жыл колубузда тура турсун, жаш азыр, чыканактай кызымды чыркыратып кимисине берейин, - Өлмөскан Лилияны көз токтото ойлуу карап калды: "Күндөн күнгө бой келбети келишип баратат, бечара апасы ушундай сулуу келин эле, өмүрү кыска экен, бак берсин кудай, энесинин сүрөтүн да көргөн, эми бизге капачылыгы жоктур, муну башкага кетирбей тезирээк башын байлап койбосок болбойт, ким билет бир күнү алып кетип калса", - деп ойлонуп отурду. Оюн Батыркулга айтууга ашыгып отурганда коңшусу Асылбү кирди. Ал экөө аркы-беркини сүйлөшүп отуруп анан:

- Өлмөскан, сени менен сүйлөшөйүн дедим эле, - деди Асылбү.

- Эмнени? - Өлмөскан аны эми көрүп тургандай карап калды.

- Бири-бирибизди көп жылдан бери билебиз, менин уулум Эмилбекти силер билесиңер, ушу Лилияны келин кылып алсам дедим эле, айтпай алып кирип алууга даабайбыз, анткени биз сыйбыз. Ортобуздан кыл өтпөгөн мамилебиз дагы бар, - деди Өлмөсканга карап.

- Асылбү, Лилия жөнүндө оозуңа албай жүр, аны эч кимге бербейбиз, өз балам болбосо дагы өзгөгө ыраа көрбөйбүз, экинчи бул сөзүңдү укпайын, мамиле өз жолу менен болсун, - деди Өлмөскан токтоо, - Мен баламды жоготуп ичимден кан өтүп отурганымды өзүңөр көрүп туруп минтип жатканыңар туура эмес го, же табалап турасыңарбы?

- Койсоңчу Өлмөскан, кантип эле табалайын, Эмилбек эле жан койбой Лилияны сүйөм дейт сүмүрөн калгыр, сүйрөп кете албайбыз да, алдыңарга аттуу-баштуу тууган-туушкандарыбызды алып келмекпиз, адегенде өзүм сөз салайын дедим эле Өлмөскан, - Асылбү коңшусунун ачуулуу жүзүнө абай сала карап колунан кармады, - Биз коңшу эле эмес теңтушпуз, ойлонуп көргүлө, Эмилбегим элден кем эмес бала, - деди да коштошо үйдөн чыкты.

- Тобо-о, - деп алды Өлмөскан, Кудай тынчылык бере гөр, бир күндө үч жуучу келди го? - деп ички бөлмөдөн чыгып келген Лилияга жылмая карады, - Сени соо койбойт кызым, бир жакка жашырына турбасаң болбойт, - деп айтып жатканда сырттан кобур-собур чыгып калды. Лилия жүрөгү дүкүлдөп ички үйгө кире качты, - Кудай сакта, эми кимиси болуп кетти? - деген Өлмөскан элейе босогодон көзү өтө карап калганда Байыш, анан келини, күйөөсү эң артына көрүндү.

- Апа, кандай денсоолук, жакшы жүрөсүзбү? - Байыш апасын кучактап өөп, бери боло берди, Бактыгүл дагы өөп учурашты.

- Аябай күттүрдүңөр го балам, келебиз дегениңер качан? - Өлмөскан уулуна таарынгандай үн катты.

- Апа, иш ошондой болуп калды, Бактыгүл дагы колу бошобой зорго эки күнгө келдик, - Байыш кайсар жооп кылды.

- Мейли балам, аман жүрсөңөр болду го,

- Кой байбиче жуучулардан баш катып чарчап да калдың эс ал эми, Жанышты акеме жиберип бир козу алдырайын, силер кызың экөөңөр конок камын көргүлө, - деп Батыркул күлүңдөй ички бөлмөгө карап үн салды, - Оой Жаныш, тур акеңдер келди, сен тоого барып келе кал!

- Кандайсыңар! - деген Жаныш ага-жеңеси менен учурашып эшикке чыкты.

- Ээ ата, жуучу дедиңизби? - Байыш атасын суроолуу карады.

- Ооба, ат тезегин кургатпай жуучулар келип жүдөтүп жатат, Лилия бойго жетип калган тура, биз апаң экөөбүз аны дагы эле кичине сезип жүрбөйбүзбү?

- Койчу, кимдер келип жатат?

- Тааныган, тааныбаганыбыз да келип жатат.

- Эмне дедиңер анан?

- Жок дейбиз да, чыканактай кызды күйөөгө берип кайсы жакшылыкты тапмак элек балам, арбак алдында жоопкерчилигибиз бар, тынып калабы, жокпу ким билет? - деди Батыркул ойлуу.

- Силердин келгениңер жакшы болбодубу, Лилияны силер ала кеткиле, жашырынып тура турсун, - Өлмөскан уул-келинине карап кубанган болду. Лилия үн дебей отурган.

- Ой-оой карындашым да бойго жеткен тура, - деп Байыш күлүп калды, - Алса ала кетебиз, анан кызыңарды алдырып ийбейбизби?

- Кой, бир-эки жыл жаштыгы бар, ошого койбой эле келишет, азыр заман өзгөрдү, мектепти бүтүрбөй ала качып жаткан тура, - деп кейий сүйлөдү Өлмөскан. Көпкө отурушуп, Бактыгүл болсо шымалана оокат жасап кирди. Лилия жеңеси менен сырта жүргөндө, Батыркул Байышка өзүнүн ички оюн шыбырай улам босогону карап коюп айтып жатты.

- Ошондой уулум, башка арга жок, Лилияны колдон чыгаргыбыз келбей турат, Жанышка ылайыктап жатабыз, - деди.

- Ошентсе болобу анан, эл эмне дейт?

- Эл эчтеке дебейт, кайра ыраазы болот, анын тагдырын өзүбүз эле чечип коебуз, өзү деле Жанышка кайдыгер карабайт.

- Андай болсо мейли го? - Байыш унчукпай калды.

Кечке жуук Жаныш козуну өңөрүп келип калды. Арыдан бери Жанышка Байыш жардам берип экөөлөп союп казанга салып уул-келинин келишине арнап бактылуу болуп мамыра-жумуру болуп, сагынычтарын жазып жатты. Айрыкча, Өлмөскан бүгүн жайдары болуп уул-келинине ыраазы болуп, өзүн бактылуу сезип отурду.

Эртеси Байыш менен Бактыгүл үйлөрүн акташып, эки жагын тазалашып жардам берип анан кеткенге камынып Лилияны алып кетели дегенде ал такыр болбой койду.

- Апа, тагдыр пешенеме жазганын көрөөрмүн, ошолор келе берсе эле ала качып кетмек беле, кабатыр боло бербеңиз, мен эч кайда барбайм.

- Шаарга барып, көңүл ачып келсең боло?

- Жок, сизди бир мүнөт дагы таштай албайм, алгысы келсе, пешенеме ошону буйруган болсо кайдан болсо да алып кетет, андан көрө үйдө эле болом.

- Күйөөгө тийгиң келип жатабы? - деди Жаныш тамаша кыла күлүп.

- Убакыт көрсөтөөр…

- Мейли кызым, өзүң эле билчи, - деп Өлмөскан күдүк ойдон арыла албай отуруп калды.

Батыркул үн деген жок, ал оюнда үйдө эле болуп Жаныш менен сүйлөшсө, бири-бирине көнүп кетсе деген ойдо болчу. Байыш менен Бактыгүл ошентип жолго чыгып кетишти. Ар кимиси өз ойлору менен алектенип кала берди. Өлмөскан көптөн бери бир туугандарына нааразы болуп жүргөн, алар бир келип кеткен бойдон кабарсыз кетишкен: "Бир келип ал акыбалымды сурап койгонго жарашпайт, менден түңүлүп калышкан го, ушундай да көңүлүмдү сурап койбосо жайчылыкта эмне кереги бар", - деп ойлонуп жатты.

Термелеп жумуш жасамак болгон Өлмөсканды Лилия эч нерсе жасаткысы келбей:

- Апаке, жөн эле отура бериңизчи, ансыз дагы сиздин жүрөгүңүз ооруп жүрөт, өзүм эле жасайм, - деп кучактап өөп эркелей карады.

- Аа-а кызым, отура берип ойго түшүп кетип жатпайынбы, алаксыйын дегеним да, - деп бетинен өөп өткөндөгү Канымжанга Лилиянын айтып жатканын эстеди: "Каралдым десе, Жанышыма жар болсо жарашып калат эле, ушуну кудай өзүмдөн айрыбаса экен", - деп ойлонуп жатты. Убакыт дегениң удургуган куюндуу шамал сымал өтүп кете берет. Артта калган күндөр кайрылгыс болуп боз туманга окшоп мунарыктап жок болот.

- Аа-а кокуй арман десең, - деген үндү угуп Өлмөскан эшикке атырылды, чыга калса атасы менен бир тууган эжеси Сайра келе жатыптыр, - Кандай айланайын жакшы турасыңарбы? - деп көрүп эле ыйлап ийди.

- Кел эже, - деп ал дагы кучактап калды. Эже, сиңди учурашып үйгө киришти, - Эже кантейин эми, ошондой болуп калды, аргам жок да-а, - деп бышактап жатты.

- Кандай кылмак элең балам, кудайдын айтканындай болосуң да, саргара жортсоң кызарта бөртөсүң деген, жакшылыгына карасын айланайын, кайратыңды жыйып белиңди бек буу, угуп алып эле келип калдым, кечээ Тейитбек үйгө келген экен, ошол айтпадыбы, укпаптырмын муну.

- Тейитбек акем карып-арып эле калды эже, бир келип кетсе болбойбу, атам өлсө агам бар деп мен кубат кылып жүрсө, кабар алып койгонго жарашпайт, - Өлмөскан ич күптүсүн эжесине айтып отурду, - Эки агам же сиңдилеримден кабар жок, ушундайда көзүңдөн чаар чымын учуп жакындарыңды эстейт экенсиң.

- Капаланба айланайын, алардын дагы шарты келбей жатса керек да? - Сайра сиңдисине жайкай сүйлөп, - Эшикте уулум бар эле, кир деп койчу кызым, - деп Лилияга карады, - Кеч болуп кете электе кетели.

- Бүгүн жатып эле албайсызбы эже, айда-жылда бир келсеңиз, түнөбөй кетесизби? - Өлмөскан таарыныч кыла эжесин карап, бүгүн калып жатып эле кетиңиз.

- Уулум эмне дейт, машинасы менен келгенбиз, ал кирсе сүйлөшөйүнчү? - деди Сайра. Ал күнү Сайра баласы экөө калып калды. Баласы Үмөтбек үйлөнө элек болчу, Лилиядан көзүн албай карап жатканын байкаган Жанышты тымызын кызганыч бийлеп кетти: "Эмнеге эле баары Лилияга жармашып калышты, анын жүрөгүндө кандай сезим бар болду экен, же эч кандай сезими жок эле бактысына кайдыгерби", - деп ойлоп тынчы кетип кыжаалат боло берди. Лилия болсо тыпылдап тамак аш жасап кайра алып келип өзү билип жүгүрүп жүрдү. Анын дасторкон жайып конок тейлегени Сайранын дагы купулуна толуп небересине карап купуя ымдап койду; анысы: "Жактыбы", - дегени эле. Ошентип Сайра дагы ичинен ойлонуп Лилияны небересине ылайыктап үйүнө жөнөдү. Анын ички сырын Өлмөскан туйган деле жок, болгону карып-арып калса дагы ал-абалын билгени келгенине ыраазы болуп отурду, кетээринде ага:

- Эже, карып калдың, келип-кетип тур, биздин колдон келгени ушул экен, агарып жүрүңүз, - деп чоң ак жоолук салып узатты.

- Жакшы тур садага, келип турам, мына бул арамдар турганда эшигиңе эчен келем го? - деп кыраа кемпир кыйыта сүйлөп машинага отурду. Аларды узата карап турган Өлмөскан оор улутуна.

- Ээ жараткан, кызымдын үйдөн чыкканына он бир ай жыйырма беш күн өттү, жыл болооруна беш күн калды…

- Апа, эмне деп жатасыз? - деп Лилия колтугуна колун сала колтуктап үйгө алып кирди, - Дагы ойлонуп кеттиңиз го?

- Кантип унутам садага, жүрөгүмдүн башында муштумдай гана жара турат, ал жара кызымды аман көрсөм гана айыгат, болбосо өзүм менен бирге кетет, - деди отуруп жатып. Жаныш менен Батыркул жүгөрү суугарып кеткен. Экөө гана калган. Бычан чабар кез келип калган убак. Батыркулдар чарчап-чаалыгып кеч келишти.

- Эртең жүгөрүнүн четин чаппаса болбойт, Жаныш экөөбүз чаба коелу, - деди Батыркул.

- Мен өзүм эле чаап коем, сиз картошканы сугара бериңиз, - Жаныш ушинткенде Өлмөскан.

- Ооба, экөөң тең бир жерде жүрө бербей ошенткиле, Лилия экөөңөргө жарма алып барып берип турат, - деди.

- Анда ошондой кылалы балам, быйыл саан уйдан үчөө балам, субайлар колго келбейт, жылкынын дагы бооздорун үйгө кармабасак болбойт, быйыл экөө бала салып койду.

- Мал эмес баламды таппай отурам го Батыр, буйруганы болоор… Кызымдан кабар болсо эле болду эле.

- Ошентсе дагы жашоо булагы мал экен, колуңда болсо батмансың, колуңда болбосо акмаксың деген байбиче? - Батыркул унчукпай калды, үйгө келсе эле аялынын муңдуу үнү жүрөгүн эзип жанын жай алдырбайт. Өзү деле күнү-түнү кызынын аяксыз жоголгонуна зээни кейип жүрөкзаада. Эртеси Лилия чоң казанга жарма жасап алып атасына барды, нан менен жарманы берип андан ары Жанышка жөнөдү. Ал чалгы менен чөптү чаап четке чыгарып жаткан экен.

- Жарма ичиңиз, - деди акырын.

- Азыр, - деген Жаныш арыкка колун жууп келип отурду да, - Лилия, шаарга эмнеге барбай койдуң? - деди.

- Кантип кетмек элем, ойлонуп көрсөм мен жөнүндө кам көргөн адамдарды санаага салгым келбеди, кантип дитим барат айтыңызчы, ак-караны тааный элегимде, эне сүтү оозумдан кетпей томолой жетим калганымда канатына калкалап аталык, энелик мээримин аябаган жандарды кайсы жүзүм менен кыйып кетем?! - Жер карап отуруп калды.

- Лилия кечирип кой, мен сени мынчалык акылдуу экениңди билбептирмин, эгер өзүңө жаккан адам болсо тоскоолдук деле кылбайм, кыз киши өз бактысын табуу үчүн далбас уруп жүрөгү менен кеңешип иш кылышы керек, менин айткан сөзүмдү эсиңден чыгарып мага кадимки карындашым болуп беришиңди каалайм!

- Ыраспы? - Лилия жарк эте карады.

- Ырас айтам, - Жаныш да күлүп койду.

- Жүрөгүмдө чоочун адам жок, али ойлоно элекмин, бирок бир адам мени көп ойлонтот, сүйүүбү же жакшы көрүү сезимиби так билбейм, - деп Лилия Жанышты жалжылдаган көздөрү менен карап күлүмсүрөдү.

- Ал ким, билсем болобу? - Жаныш аны сынай карап ичинен туюкка камала тынчы кетип турду, - Айтсаң Лилия?

- Айталбайм, кардыңызды тойгузуп ишиңизди бүтүрүңүз, мен кетем.

- Жок айтасың, эгер айтпасаң таарынам.

- Ал менин жүрөк сырым.

- Баары бир айтасың, - деп Жаныш аны колдон алаарда кыз тура калып качып жөнөдү, - Айтасың, - Жаныш кууп баратып чөпкө чалынып жыгылып жатып калды, коркуп кеткен Лилия аны турат го деп бир аз күтүп турбаган соң жетип келип:

- Жаныш аке, эмне болду, туруңуз-туруңуз дейм, мен коркуп жатам, Жаныш аке-е! - деп ыйлап ийди.

- Аа-а! - деп Жаныш күлүп тура калганда кыз ага таарына тултуңдап туруп кетти.

- Ошентип да коркутат бекен, коркутасыз да? - Бетин басып отура калды.

- Койчу эми Лилия, карындашым менин, сүйүктүү карындашым, кечирип кой акеңди, тамашалап эле койдум, - деп Жаныш жалдырап жатты, - Кана жарк этип койчу эми, таарынбачы?

- Таарынам да, - деп тултуңдаганын токтотпой ага карабай бетин басып алды, Жаныш анын таарынычын жазалбай далбастап жатты.

- Лилия, кечир мени, кечирип кой, - деп аргасы кете ары басып баратканда кыз жүгүрүп барып артынан кучактап калды.

- Мына, мен жазылдым!

- Тентек десе…

- Сиз да тентек!

- Эмнеге!

- Кишини кыйнап…

- Болуптур эми, кыйнабайм, үйгө бара бер, апам жалгыз калды, - Жаныш аны карай берип суз унчукту, - Жарманы коюп кой, мен кечке ичем.

- Макул, - деген Лилия баштыкты таштап жөнөп баратканда Жаныш.

- Лилия, баары бир айтышыңды күтөм! - деп коюп ишине киришти. Лилия артына кылчая жылмайып алып жолун улады. Жаныш жүрөгү элеп-желеп боло өзүнчө кубанычтуу жылмая чалгысын шилтеп көңүлдүү ишке киришти: "Балким мен чыгаармын, жүрөгүндөгү адам, айта албай жаткандыр, экөөбүз көбүрөөк бирге болсок жакшы болот эле, мен Лилияны эч кимге бербейм, ал меники гана болот, меники гана", - деп ойлонуп жатты. Ошол күнү ага канат бүткөн сымал асманда каалгыган канаттуудай эргип учуп жүрдү, кечинде аны үйдө дагы коноктор күтүп турган, алар классташтары келип күтүп жаткан. Илгиз, Дуулат, Данил менен Эрмектер күтүп жаткан экен. Ал келээри менен эле досторунун жанында сүйлөшүп жатты. Эрмек болсо үйгө кирип Өлмөскан менен учурашып чыккан.

- Жаныш, Данил үйлөнгөнү жатат, жүрү кеттик, - деди Илгиз.

- Бүгүнбү?

- Ооба, азыр алып келебиз.

- Кимди, кайдан алып келебиз? - Жаныш балдарга суроолуу карады, - Сүйлөштүң беле?

- Баары сүйлөшүлгөн, кыз күтүп жатат.

- Анда даярмын, досум үйлөнүп жатса, барбай коймок белем? - Жаныш шашыла ичкери кирип кийинди да:

- Апа кам санап, санааркабай отура бер, мен кеч келем, классташым үйлөнөт экен, ойлонбо мейлиби? - деп бетинен өбө чыгып баратканда:

- Уулум сак бол, мени кыжаалат кылбай кел! - деди Өлмөскан.

- Эч кабатыр болбо апа, балаң жигит болуп калган! - деп күлүп коюп кетип калды.

- Каралдым, как жүрөгүм десе, дегеле жигит болуп калганын… - Эне өзүнчө жылмайып алды: "Мейли теңтуштары менен жүрө берсин, аман болсо болду", - деген ойдо көзүн жумду. Негедир эки күндөн бери жүрөгү бир нерседен кабар бергендей солк этип, эки эмчеги зыркырап жатты: "Жакшылык кабар уксам экен, кызымдан бир кабар уксам жараткан, ач-жылаңач болгонума кайыл элем", - деп эмчегин ушалап койду. Эшиктен чоочун дабыш чыкса эле жакшы кабар укчудай болуп кулак түрө калат, анан жөн-жай жүргөнүн билгенде шаабайы сууй түшөт. Ошентип, бир жыл өтүп кетти, күн санап жүрөгү зыркыраган ата-эне бара-бара күткөн күнү жакындагансып Ширин баласын кучактап кирип келе тургансый берди. Бирок аларды асманын кара булут каптаган оор кайгы, болгондо дагы адам боюн титиреткен, жүрөк үшүткөн кабар күтүп жаткан эле…

Жаныштар чогулуп алып, машинага түшүп, баягы тааныш үйдүн жанына келишти. Рита менен Илгиз эки-үч жолу жолугуп сүйлөшүшкөн, бири-бирине жагып бат эле ойлору биригип үйлөнүүгө макулдашкан болчу. Жүрөгү элеп-желеп болгон кыз жасана кийинип короодон чыкты, бери жакта турган машина аны көрө ордунан жылып жандай барып токтоп экөө түшө калып кызды көтөрүп салышты да ызылдата айдап жүрүп кетти. Келин алчу тарап дүргүй түшүп машина короого кирээри менен кыздын бетин басып ыйлаганына карабай алып кирип көшөгөгө отургузуп жоолук салып койду. Ошентип Илгиз үйлөнүп достору менен бакылдашып отурду. Булар ичкиликти ичпей баары тең намаз окумак болуп ниет кылган балдар, үйлөнүү күнүндө дагы ичпей гана ырдап, бийлеп отурушту.

- Илгиз, бактылуу болгула Рита экөөңөр, ар дайым ишиңер илгерилеп, уул-кыздын ата-энеси болгула! - деп Жаныш экөөнү карады.

- Илгиз, Рита бактылуу болгула!

- Бакыт каалайбыз! - дешип, өздөрүнчө дуулдап отурганда кыз кууп келип калышты. Жаныш түнү менен аерде болуп, эртеси келди, түнү бою уйкудан калганга үйгө кирип жатып алды да кечке уктады. Батыркул менен Өлмөскан кеңешип, Лилия менен Жанышты ээн калтырып сүйлөшсүн дегендей сиңдиси Тынар чакырганынан кетип калышты. Эки сиңдиси аларды коноктоп, улам бири чакырып, үч күн жүрүп калды. Бул кезде Жаныш Лилияга жакындап эмне иш жасап жатса жанына отуруп алып тамашалап, кайра бир нерселерди сурап, эптеп ага жагуунун амалын кылып жатты.

- Лилия?

- Оов, - Лилия жылмая карап туруп калды.

- Сени жакында дагы бирөө ала качмак болуп жатыптыр.

- Ким экен?

- Мен аны билбейм, уктум.

- Ким айтты ошону?

- Эл.

- Элдин аты бар да?

- Ошо…

- Ойнобоңузчу?

- Ким менен? - Жаныш анын жинине тийе сүйлөдү, - Сени менен ойноп жүрчү белем?

- Анан эмнеге алдап жатасыз?

- Алдаганым жок, буйруса эки күндөн кийин келин болуп жоолук салынып каласың да эми.

- Келин болбойм!

- Эмнеге, ала качып кетсечи?

- Ала качпайт, баары бир отурбайм.

- Эмнеге, баары бир күйөөгө тийесиңби? - Жаныш сынай күлүп койду, - Кыз ала качып барган жерге отурат да?

- Коюңузчу, укпайм сөзүңүздү, - деп Лилия сыртка чыга качты.

- Лилия, сени өзүм салып бермек болдум коркпо, атамдар жокто ала качтырып ийейин. Лилия унчукпай отуруп алды. Жаныш аны сүйлөтмөк болуп ар кайсыны айтып жанында отура берди. Сүйлөбөй, карабай койгондо, - Лилия баягыда бир сөз айтмак эмес белең? - деди.

- Качан? - Кыз жалт карады, - Кандай сөз?

- Сүйүү жөнүндө.

- Калп.

- Калп эмес, айтам дегенсиң, - Жаныш болбой эле ага жакындап сурай берди. Лилия аны караганда жок. Көптөн кийин гана, - Мейли, сүйлөбөй эле кой, жүрөгүңдөгү катылган сырды айтып берчи эми? - деди.

- Ал айтылбайт.

- Эмнеге?

- Ошого.

- Ошого дегениң эмне?

- Ошо…

- Кызык, модалуу сөзүң бар го?

- Сөздүн дагы модасы болобу?

- Сөздүн модасы деген ушул да, ошого…

- Койчу? - Кыз бырс күлүп ийди.

- Эмне күлөсүң?

- Ошого…

- Мына көрдүңбү, - Жаныш ордунан турду, - Кой мен Илгизге жолугуп келейин.

- А менчи?

- Отура бер! - Жаныш бурула берди, - Ала качса коркпо, өзүм кубалап барам! - деп кетип калды.

- Кызык, бул мага өчөшүп жатат, агам деп жүргөн адамды кантип сүйөм деп айтмак элем? - деп сүйлөнүп отура берди.

Ошол күнү жалгыз кечке отуруп зерикти, анан үйгө кирип жатып алды. Жаныш аны менен эми кагаз жүзүндө сүйлөшмөк болуп чечти да уктап жаткан кызды ойготпой жатып алды. Эрте менен ойгонуп кат жазып койду: "Лилия, сырыңды жашырбай айтчы, мен сенден жооп күтөм, кеч болуп кала электе мага ички сырыңды айтып берчи, сүйөм сени Лилия!!!", - деп коюп кетип калды. ойгонгондо кийиминин жанындагы катты окуган кыз чалкасынан түшүп жатып алды да: "Дагы убара боло түш, ойлон, таап ал жүрөк сырымды, жигитсиңби", - деп ойлонуп бактылуу жылмайып алды. Анан көңүлү эргий туруп барып колуна кагаз калем алып: "Жигитсиңби, жүрөктө катылган сырымды таап ал!", - деп жазып коюп койду.

Түшкө маал ал иштеп жаткан жерге жарма менен нан алып келип коюп койду да кетип калды. Жаныш аны көрбөй этек жакта жүргөн. Келип жарма менен нанды көрүп эки жакты карап издеп көрүнбөгөн соң: "Качып кеткен го, уялса керек", - деп жылмайып алды. Кечинде үйгө келип даяр тамакты Лилия экөө отуруп ичип өзүнүн бөлмөсүнө кирип катты окуп алып так секирип алды: "Демек ал мени сүйөт!", - деп кудуңдай кат жазып кирди: "Лилия, мен сенин жүрөгүңдө катылган сырыңды эбак билип алгам, сен мендик гана болосуң, уктуңбу мендик болосуң. Жооп берчи Лилия, качан үйлөнөбүз?", - деп катты даярдап коюп жатып алып ойлонуп кирди. Анын кубанычында чек жок эле…

Үч күндүн ичинде экөө бир топ жакындашып баягыдай бири-биринен тартынбай бир үйдө жашап, бир дасторкондон чай ичип жатышса да кат менен гана ички сырларын айтышып жатты. Батыркул менен Өлмөскан келгенде Лилия үйдө эле, Жаныш огородунда жүргөн.

- Апа, ата келдиңерби, сагынып кеттим силерди, аябай кечиктиңер да? - деп моюнуна асыла кетти Лилия.

- Биз дагы сагынып зорго чыдадык, Жаныш кайда?

- Огороддо.

- Сен барган жоксуңбу, ээн үйдө калбай кошо барбайт белең? - деди Өлмөскан кабатырлана.

- Үйдө бол апамдар келет деп акем болбой койду.

- Мейли эми, кудайга шүгүр тынч экенсиңер, - деди Батыркул отура, - Чарчадым, эс алып алайынчы?

- Мен дагы чарчадым.

- Сен да эс ал, айылчылап жүрүп дагы чарчайт экен киши.

- Чай ичпейсиздерби?

- Жок кызым, андан көрө баштыктагыдан алып же да Жанышка жеткирип берип кел.

- Макул, - деген Лилия баштыктан бышкан эт менен бир топ майда-бараттарды алып Жанышка жөнөдү. Жаныш аны күтүп жаткан эле. Көрөөрү менен жетип келди.

- Сени күтө берип көзүм талып кетти Лилия.

- Эмне кардыңыз ачтыбы?

- Жо-ок, сени көргүм келип эле…

- Күндө көрүшүп жатпайбызбы, биргебиз го? - Лилия көз кыйыгын жибере жылмайды.

- Ошентсе деле көргүм келет Лилия?

- Болуңуз эми, менин да кардым ачты, үйдөн эчтеке ичпей келгем, - деди Лилия ага эркелегендей карап, - Болбойсузбу?

- Мына көпөлөгүм, азыр чогуу тамактанабыз, - деген Жаныш шашыла колун жууп келип отурду да, - Кана көпөлөгүм, эмнең бар, бере салчы? - деп куудулдана кубанычтуу сүйлөп жатты, - Ушинти-ип чай ичишип түбөлүккө бирге болсок ээ?

- Анчалык кыялдануунун эмне кереги бар?

- Мен кыялданганды жакшы көрөм.

- Куру кыялдын не кереги бар, ишке ашпаган максат бүтпөгөн фундамент…

- Ушунча дагы акылдуу болосуңбу, тү-түү көз тийбесин! - деп далысына колун койду, - Баары ишке ашат көпөлөгүм, кыялдар ар дайым ишке ашышы керек.

- Макул-макул, кардыбызды тойгузалы, апамдар эс алганча барып, кечкиге тамак жасашым керек, - деп Лилия эттерди туурап, айрандан куюп алдыларына коюп, - Кана, мындан ооз тийиңиз, анан жей бересиз, - деп эттин майлуу жеринен алып Жаныштын оозуна алып барды, - Кана ач! - Жаныш Лилиянын колун кармай калып этти оозуна алып барып сугунду да:

- Болдубу? - деп күлүп койду.

- Болду, - деп койду Лилия, экөө отуруп тамактанып жатып бири-бирин карап коюп отурду. Анан Лилия туруп идиштерин көтөрүп үйгө жөнөштү. Аны карап турган Жаныш.

- Көрүшкөнчө! - деп койду.

- Көрүшкөнчө, - деп Лилия кыткылыктай күлүп секирип жөнөдү: "Эх балалык-балалык, дал ушул саргайткан санаасы жок таптаза балалык бир кезде артта калып агала чач эне, көгала сакал ата болуп жаштыгың алда кайда калаарын ушул секирип ойногон секелек кезде ойломок кайда? Чачтарын желге сексеңдете жүрөгү элеп-желеп болуп үйдү көздөй баратып: "Мени багып өстүргөн адамдарга өмүр бою карызмын, кызмат кылам, түбөлүк ата-энем болуп кала берет, бактылуу болом буйруса. Аа-а Ширин эжем эгерде келип калса мени жек көрөт чыгаар, балким каршы болушу да мүмкүн", - деп ойлонуп жатты, эки күндөн кийин ботодой боздоп анын сөөгүн жүктөп көрүстөнгө коюп биротоло коштошоорун ал азыр сезмек кайда. Кыялданып келатып алды жагынан келе жаткан маска урунуп алды.

- Эй кыз, к-көз-зүңдү карабайсы-ыңбы? - дегенде коркуп кетээнчиктей артка жылды да.

- Кечиресиз, - деп өтүп кетээрде.

- С-сен ббир-рөөгө окш-шошшу-уп тур-расың… - деп аны теңселе карап кала берди.

Бул Марат болчу. Ал таптакыр кейпинен кетип ичпей тура албай калган. Апсамат үйүнө алып барса кайра эле чыгып кетет, ал көзүнө көрүнө бергенден чоочулап жүрсө эми таптакыр жанынан кетпей калган. Ал андан коркмок тургай сүйлөшө берет. Ал азыр ичип алып Шириндин элеси менен сүйлөшүп келатып Батыркулдун үйүнүн жанына келип калган эле: "Мени кайда алпаратасың? - деди ал сөлөкөткө. "Сен мени таштап кеткен жерге, жалгызмын ал жакта", "Мен кантип бармак элем, сен өлгөнсүң да?", "Сен дагы өлөсүң", "Жок-жок, сен мени кое бер, үйүмө кетем", - деген Марат шарт артына бурулду да үйүнө жөнөдү. Ширин кошо келе берди: "Сен каякка барасың? - деди Марат өзү менен өзү сүйлөшө.

Аны карап делдейип турган Лилия таңгала короодон кирип кетти. Үйгө кирип ата-энесинин дагы эле уктап жатканын көрүп тамак жасаганга киришти. Дасторконун жайып үстүнө баарын коюп даярдап коюп күтүп калды. аңгыча Жаныш келди, андан кийин Батыркул ойгонду, Өлмөскан туруп келди. Чогуу отуруп тамактанышты. Өлмөскан Лилиянын кыймыл аракетин, көз каранын байкамак болгону менен ал баштагысындай эле жаркылдап сыр билгизбейт, Жаныш да эч нерсе байкатпай экөө тең зымпыйышат. "Окшошкон арамдар, дегеле сыр билгизишпейт, силерди шашпагыла", - деп ичинен ойлонгон Өлмөскан унчукпай жатып калды.

Ошол түнү түш көрдү Өлмөскан, Ширин аппак көйнөк алып жанында жүрөт, экөө ээрчишип сарайга туш келишет, анан Ширин баягы сарайдын бурчуна барып дөбөнүн ортосу оюлган жерине кирип кетип жок болуп кетти, Өлмөскан аерге барып карап жанталашып колу менен чукуса эле кагыраган сөөктөр чыгып жатты, ойгонуп кетсе түшү экен, жүрөгү алактап токтобой кагып жатты. Туруп барып суу ичти: "Оо кудай, бул эмне деген табышмагың, шорум кайнаган го?", - деп ойлуу отуруп калды.

- Тирүүлүктүн бүтпөгөн машакаты аны дагы өз койнуна тартып тиричилигине киришти, келин алып калсам керек болот деп төшөнчү жасап Лилия ага жардам берип жүрөт. Керээлден кечке жаны тынбаган кызын аяп кээде өзү жасай коет анча мынчаны. Уул-келинине арнап жууркан төшөк жасады. Шейшептеп бүтүп калган. Алардын үйүнө машина токтоп калды, үйдөн шашыла чыга калган Өлмөскан көргөн көзүнө ишенбей кубанып калды, Сайра эжеси улуу баласы аялы менен, небересине машина айдатып алып көтөрүнчөктөрдү көп кылып келип калышыптыр.

- Оой эже келгиле, кандай шамал айдап келди силерди?

- Келдик да-а сиңдим, бир тууганбыз, силерге келбегенде кимге барабыз, көптөн бери катышалбай кеттик, Кадырбек менен Сейил барып акыбалын көрүп келели дешип болбойт, - Сайра үйгө кирип отургучу бажырап сүйлөп жатты.

- Ооба таеже, көптөн бери жакындашпай да кеттик, кызыңыздын жоголгонун угуп апады алып келип калдык, - деди Кадырбек.

- Эчтеке эмес, ушул келгениңерге да шүгүр, - Өлмөскан кубанычтуу Лилияга карады, - Кызым, алып кел, - дегенде Лилия жыла басып дасторкон жайып үстүн толтуруп, ирээти мене чайын алып келип чыны сунуп отурду.

- Айла-анайын, Өлмөскан кызың дүйнөдөгү сулуу кыз болуп чоңойгон тура, көргөндүн көзүн талдырган, көз кумарын кандырган, акылдууну акылдан аздырган, көңүл отун бир өзүнө салдырган адеми кыз болуптур? - Сайра бежиреп жатты, - Аты ким эле?

- Лилия.

- Иий баса, эсиме жара чыгып унутуп калганымды кара, Лилияга куда түшкөндөр бар чыгар дейм?

- Жо-ок, азырынча Лилия жаш да, али мектепти бүтөөрүнө бир жыл бар, эмитен келген жуучу да жакшы жооп менен кетпейт, - Өлмөскан атайын билип тургандай жооп берди, - Али жапжаш кызымды кимге ишенип бермек элем эже?

- Ээ сиңдим, кызды сураганы көп болот, буйруганы бирөө, кыздарга кимдер көз салбаган, бойго жеткенден кийин кыз өз эл, өз журтун тапканы жакшы, силерге кызыңардын бактылуу болушун каалайсыңар, ата-эненин тилеги, үмүтү ошол гана…

- Ооба-ооба, эже, аныңыз го тура, бирок Лилия азыр жаш эмеспи, окуусун бүткөндөн кийин деле жетишер, - деген Өлмөскан эжесине карап анын ой максаты эмне экенин баамдап калды: "Бул соо келген эмес экен, кандай эле баарынын көзү кенедей кызга түшүп туруп алганын кантесиң, күйөөгө чыгаар убактысы болсо эле эмне, чырымтал немени чырылдатып эле алып кете калгылары келет", - деп ойлонуп эжесине анча көңүл бурбай өз сыйын жасап узатмак болду, бирок…

***

Марат үйдөн да иче баштады, сыртка чыкса да ичип келип үйүнө кирсе тынчтык бербей калды. Гүлүмкандын дагы боюнда бар, ошондуктан ал тажап кетип калайын десе ата-энеси болбой койду.

- Чыда балам, акырындык менен оңолуп кетээр, ичиңде балаң турса баса бергениң болбойт, же кайната-кайненең бирдеме дебесе, кайда бармак элең? - деп Эсенаман токтотуп турду, ага болбой Гүлүмкан ыйлайт, Нуриянын зээни кейип.

- Кой балам, эсине келээр, бир аз чыда, болбосо өзүм барып алып келип алам, - деп үйүнө келген кызын эки-үч күндөн кийин кайра жөнөтүштү. Марат ага эч нерсе дебейт, болгону ичип алып өзүнчө сүйлөй бергени жүрөгүн түшүрүп жаткан. Ал келсе дагы мас экен. Өзүнчө бөлмөдө жаткан экен, кийинки күндөрү ал бөлүнүп калган.

- Айланайын келдиңби балам, куда-кудагый жатабы? - деди Саадакан аны көрүп.

- Жатышат апа, Марат ичкенин койдубу?

- Кайдан балам, ичкенинен улам кейпи да кетип калды, кантейин балам, эмнеге минтип жүрөт билбейм, - деп кейиди эне. Ошол күнү Марат эчтеке билбей келип жатып калган тээ бир кезде ойгонуп алып жаны жай албай башы ооруп башын көтөрө суу ичмек болуп өйдө болуп аяк жагында ак кийимчен сөлөкөттүн отурганын көрдү, ал мурункудай бакырбай эле.

- Аа-а дагы келдиңби, дагы эмнеге келдиң? - деди үнүн пас чыгарып, - Деги алаарың эмне, мен керек болсом тезирээк алып кетчи, кыйналып кетти, - деди башын жаздыкка коюп: "Сени азыр алып кетпейм, сен кыйналып өлөсүң, азыр али эрте", - деп үн чыгарып сөлөкөт, - Мындан артык да кыйноо болобу, карачы кейпимди, апама арак алдырып иче турган болдум, тынчыраак эле кете берейинчи?", - деп жалдырай баштады. Анын сөздөрү кээде кадимкидей угулса кээде, эч угулбайт. Марат ата-энеси угуп жатабы деп ойлоп катуу кыйкырат кээде, бирок алар кирип келбейт, угулбагандыктан баласынын эмне болуп жатканы мене ниши деле жок, ичкенинен улам экөө кеңешип жатты.

- Келин укса угат да, оруну жашырсаң өлүм ашкере дегендей муну милицияга өзүбүз алып баралы же үйгө алып келип кошуп берели, антпесек бул качанкыга ушинтип жүрө берет, жолдо калаар, - деди Апсамат бир күнү.

- Ошондой кылбасак болбойт, шаардагы балдарды чакырт, аларга дагы айтып кеңешели, угуп-билбей калса экөөбүзгө доомат кылат, - деди Саадакан, - Айтпаганда эмне кылабыз, канчага жашырабыз?

- Ооба ошентейин, - Апсамат почтого жөнөдү, эки уулу шаарда турчу, бир уулу менен кыздары райондун колхоз совхоздорунда. Аларга киши жиберди. Эки-үч күндүн ичинде алар чогуу келишти. Келээри менен эң улуу уулу Кемел:

- Эмне болуп кетти, балаң дагы эле ичкенин токтотпой жатабы? - деди.

- Ичкенден дагы чоң окуясы бар, силерди чакырып кеңешели деп ойлодук, бул акмактын кылмышы башынан ашык, киши өлтүргөндөр билинбей жүрүп ошол арбактын каны узатпайт. Бул акмак көзү ачыла элек жаш кызды өлтүрүп коюп тирүүлөй куурап баратат, - деди Апсамат каңырыгы түтөй, ушул убакта дасторкон көтөрүп келе жаткан Гүлүмкан келаткан, токтой калды: "Жаш кызды өлтүргөн дейби?", - деп ойлоп буту шилтенбей мууну калчылдап кире албай туруп калды.

- Каяктагы кызды өлтүрүптүр, ким айтты? - Кемел атасын карай суроо берди, - Качан…

- Жинди болгон го, кандай шайтан азгырды?

- Ичип алыппы? - дешип аңырайып отурушту, анткени мындайды күтүшкөн эмес.

- Бир жылдай болгон го, кайдан-качан экенин биз каяктан билдик дейсиң, аны мас болуп калып бизге айтканына бир аз убакыт эле болду.

- Ошондон бери унчукпай жүрө бердиңерби анан?

- Эмне кылмак элек, молдо кожого көрсөтүп, түлөө өткөрүп ушуну калкалап калалы деп эле ойлоп жүрдүк.

- Кыз бияктан болбосо унчукпай эле коюш керек, билинбей калат да? - деди эжеси Кеберкан.

- Ой ошо билинбей калсын деп жатып ушуга келдик, көрүп туруп чыдай да албайсың, кыз бул эле Батыркулдун кызы болуп жатпайбы, алардын тарткан азабын угуп туруп да зорго чыдап келдик, - Саадакан сөзгө кошулду, - Бул сөздү уккан Гүлүмкандын колундагы дасторконго кошуп кармап келаткан нан салган табак жерге түшүп кетти. Анын үнүнөн Саадакан чыга калса босогодо нан чачылып жатыптыр, кант менен чыны сыныптыр, - Кокуй күн Гүлүмкан угуп калды окшойт, эми кетсе келбейт, - деген Саадакан ичкери кирди, Кеберкан төгүлүп чачылгандарды жыйнап кирди.

- Аны угуп коет деп коркосуң, бары бир угат да, анан кетет, эмне кылабыз, күнөө балаңдын өзүндө болуп жатса

- Эми ал тура эле милицияга барбагай эле, Марат эрте чыгып кеткен, ичип келет эми, - Тынчсызданып кейип-кепчип жатты Саадакан.

- Барбайт, коркуп кетти окшойт, - дешип кайра сөздөрүн улантышты. Бирок бир дагы чечим чыгара алышпай жатты, Апсамат козу алып келип союп, уул-кыздарына кеңешип Мараттын тагдырын ойлонуп бири да жамандыкты каалабай аны шаарга алып кетсек дешип ар кимиси ар кайсыны айтып отурду.

- Муну шаарга алып кетсек кантет?

- Алаксып кетээр, өзү дагы коркуп калгандыр…

Апсамат аларга аны айтып, муну айтып жатса да түшүнбөй.

- Жарыктык, кантип эле, анын коркконунан ошентип жаткандыр, өлгөн киши эле кантип тирүү кишини токтотуп калсын, - Ошол убакта Марат кызуу абалда келди. Анын түрүн көрүп чоочуп да кетишти. Ал кирип келип ага-эжелерин карап койду да унчукпай төркү бөлмөгө кирип кеткенде Кемел менен Кеберкан анын артынан барып.

- Эмне учурашууга жарабайсың, кебетең кантет, ичип жүрүп болбой калгансың го? - деди Кемел.

- Карыган кишилерди эмне эле кыйнап жатасың ыя, чоңоюп ата-энеңди баккандын ордуна бул эмнең? - Кеберкан дагы ачуулана карады.

- Ээй, силер эмнени билесиңер, мен өлгөн кишимин, айткан акылыңар мен үчүн эчтеке эмес, - деп диванга көмкөрөсүнөн түштү.

- Тур. Сүйлөшөбүз, сенин тагдырыңды чечебиз, - Кемел аны колдон алып өйдө кылмак болгондо Марат жагымсыз жылмайып агасын эми көрүп тургандай карады.

- Менин тагдырымдыбы?

- Ооба, жүр тигил үйгө.

- Мен эч кимиңер менен сүйлөшпөйм!

- Эмнеге?

- Менин жашоомо кийлигишпей эле койгулачы, тагдырым эбак чечилген!

- Көп былжырабай тур деп жатам, - Кемел ачуулана аны тартып тургузмак болгондо ал колун кага бошотуп алды.

- Мени тынч койгулачы, ансыз дагы кыйналып бүттүм, өзүм кылган күнөөм үчүн өзүм жооп берем, силер эч кандай аралжы боло албайсыңар!

- Марат, - деди ошондо Кеберкан аны жоошута, - Биз сенин бир тууганыңбыз, сен үчүн күйүп, сен үчүн азап чегебиз, биз менен бир жолу жакшынакай сүйлөшүп ич күптүңдү айтпайсыңбы? - деди аны далыга таптай, - Тур эми, тура гой!

- Жок, мен силердин араңарга бара албайм, - Өзүңөр сүйлөшө бергилечи, менин жаным азыр тигил жакта, алда качан өлгөмүн, азыр силер менин сөлөкөтүмдү гана көрүп жатасыңар! - деп кайра жатып алды, Кемел менен Кеберкан бири-бирин карап ийин куушура чыгып кетишти, өз-өз ичинде туңгуюк суроого кабылып унчугушпай ата-энеси отурган бөлмөгө кирди.

- Эмне болду? - Зыйнат агасы менен эжесин карады.

- Болбой калган турбайбы, муну эптеп шаарга алып барып дарылатып сактап калбасак болбойт, силер эч нерсе билгизбей эле тургула, ушуга чейин билинбей келген кылмыш ошол бойдон калып калат, милицияга айтканда мунуңду өмүр бою түрмөгө камайт, эзели келбей калат, - деди Кемел.

- балам, мен Гүлүмдү карайынчы, ошол коркконунан кетип калып оозунан чыгарып ийбегендей эле, - деп ордунан турду, эшиктен карап таппай кайра үйгө кирди.

- Анда анын артынан барып алып келели, бирөөлөргө айтып коюп жүрбөсүн, - деп Турат туруп жөнөдү, аны менен бирге Кеберкан, Зыйнат бармак болду. Гүлүмкан Ширинди өлтүргөн Марат экенин билгенден кийин үйүнө жүгүрүп жөнөдү, ал жол бою ыйлап жакшынакай бажырайган классташын көз алдына келтирип баратты. Негедир ал ушул учурда бир нерсе эсине түштү. Окуп жүргөндө кыздар-балдар тамашалап калышчу: "Силер аябай окшошуп кетесиңер, айрыкча көздөрүңөр окшош, бир туугандай көрүнөсүңөр", - дегенде Ширин экөө тең: "Ой койгулачы, биздин таптакыр жакынчылыгыбыз жок, кантип окшомок элек?", - деп калышчу. Бирок экөө анчалык деле ысык мамиледе эмес эле, жөн гана классташтардай жылуу сүйлөшүп, учурашып калчу. Ушуларды ойлонуп жүгүрүп келатып үйүнө зорго жетти. Нурия анын түрүн көрүп чоочуп кетти:

- Эмне болду, Марат уруштубу?

- Жок, - Күйүгө зорго жооп берди.

- Анан эмне… - Нурия таңгала ойлуу, - Кайненең бирдеме дедиби?

- Жок-жок апа! - Гүлүмкан сүйлөй албай солкулдап ыйлай берди, - Жок-жок апа, андан да жаман болду!

- Эс алчы, жайыраак айтасың, - деген Нурия кызынын бул түрүнөн чоочулай сүйөй отургузмак болгондо Гүлүмкан.

- Отурбайм апа, кечикпей Шириндин ата-энесине барыш керек, сиз мени менен жүрүңүз! - деди дагы эле эс ала албай демиге.

- Эмнеге, Ширин ким эле?

- Жоголуп кеткен классташ кызымчы, аны Марат өлтүрүп коюптур!

- Эмне дейт, качан?

- Бир жыл мурун, - деп Гүлүмкан шашыла сыртка чыга жөнөгөндө Нурия.

- Ой жинди болдуңбу, сен аларга ошону айтмаксыңбы?

- Эмнеге айтпайм, жазасын алсын, мен эми аны менен жашай албайм! - деп болбой эле жөнөгөндө Нурия аргасыз кызы менен жөнөмөк болуп артынан басты. Бул убакта Тураттар жөнөй элек эле, Гүлүмкан Батыркулдун үйүн деле билчү эмес, ылдамдай басып баратып аябай күйүгүп чарчай баштады, эптеп алардын үйүн таап жетип келгенде Батыркул эшикте жүргөн эле, Нурияны таанып жанындагы Ширинге куюп койгондой кызды көрүп элейе карап эстен тангандай туруп калды.

- Батыркул сенсиңби? - деген Нурия дагы өзүнчө бушайман болуп өткөндү эсине түшүрүүгө аргасыз болду…

Батыркул үйлөнүп калган, анда жыйырма бештердеги күчкө толуп турган кези. Нурия күйөөдөн чыгып келип тала жумушунда иштеп жүргөн. Ал кездек жаштардан турган атайын комсомолдук бригада боло турган, кыз-келиндер менен тамашалашып жүрүп Нурия менен Батыркул кандай мамиле түзүп кеткендерин өздөрү да билбей калган. Батыркул ага эки уулу, аялынын дагы боюнда бар экенин ачык айткан эле. Бирок Нурия аны менен жүрүп калды, экөө ал тургай кеп-сөз боло баштаганда гана Нурия ушул Эсенаман менен таанышып калып тез эле турмушка чыгып кеткен.

- Сиз Шириндин атасы болосузбу? - деди Гүлүмкан апасы менен Батыркулдун тиктеше качанкы сырларын эстеп нез болуп турганын байкабай.

- Ооба кызым, жөн-жай элеби, үйгө кирсеңер боло?

- Кой кызым, биз кетели, жүрү кызым, - Нурия ушул кезде Батыркулдун өз көз алдында боздоп ыйлашын каалабай, анан дагы кызын кызгана сыры ачылып калчудай болуп кетти, - бол кеттик.

- Апа кое туруңузчу? - деп үйгө карай басканда Өлмөскан чыгып келатып эле Гүлүмканды көрүп.

- Шири-ин, келдиңби садага, оо жараткан көрө турган күнүм бар экен ээ?! - деп кулачын жая Гүлүмканды көздөй келе жатып жыгылып баратканда Батыркул менен Нурия кармай калды.

- Өлмөскан эсиңе келчи бул Ширин эмес, башка кыз! - дегенде Нурия Гүлүмканды колдон ала булкту.

- Бас үйгө!

- Апа!

- Бас деп жатам, акыбалдарын көрбөй турасыңбы, андан көрө милицияга барыш керек, бол кетип калалы.

- Жо-ок апа, ушул акыбалын көрүп туруп кантип кетип калабыз, жок дегенде эс алсын, - Гүлүмкан Нуриянын айтканына болбой Өлмөскандын жанына келди, - Эже көзүңүздү ачыңызчы, мен Ширин эмесмин, классташы болом, өзүңүздү кармаңызчы? - деди колдорунан кармай. Бул учурда Лилия дагы апакелеп жанында ыйлап турган, ал Гүлүмканды таанычу. Көптө барып көзүн ачкан Өлмөскан маңдайында тургандарды кыдырата карап.

- Кызы-ым, сен келдиңби каралдым, бизди таштап кайда кетип калдың, келчи каралдым, келчи кучагыма! - деп өйдө болуп Гүлүмканды бооруна кысканда ал көзүнүн жашын куюлта.

- Эже, мен Ширин эмесмин, классташы болом, эсиңизди жыйсаңыз, мен жөн эле келгем, акыбалыңызды билейин деп келдим эле? - деп кучактап алып ичиндеги оюн айтканга дити барбай: "Эгер мен азыр өлгөнүн айтсам бул дагы өлүп калат го, эмне кылышым керек, анын үстүнө так билбейм", - деп ойлоп жатты. Анын сөзү Өлмөсканды башка чапкандай.

- Сен, сен Ширин эмессиңби, анда кызым кайда, кайда менин кызым?! - деп бакырганда Батыркул.

- Сенин кызыңды бул кайдан билмек эле, учурашып ал-абалыңды билейин деп келген кыздан эмнесин сурайсың? - деп катуу үнүн чыгара ороңдогондо өзүнө келе калып унчукпай калды. Нурия анын жанына келди.

- Капаланбаңыз, - бул менин кызым, классташ кызынын жоголгонун угуп силердин акыбалыңарды сурамак болуп келгенбиз, - деди акырын гана.

- Аттиң, ушундай дагы болот экен ээ, мени кечирип кой кызым, менин Шириниме абдан окшош экенсиң, тим эле суунун эки тамчысындай, эгиздей окшош экенсиң, - Өлмөскан Гүлүмканды карап үшкүрүнүп алды, - Лилия, алып келчи Шириндин сүрөтүн.

- Ооба, мен билем эже, классташтарыбыз дагы ошентип айтышчу, бирок биз эки бөлөкпүз деп калаар элек… - деп Гүлүмкан көзүнүн жашын аарчый Өлмөскандын маңдайына отура калып сүйлөп жатканда Батыркул менен Нурия үнсүз сырдуу тиктешип көздөрү менен сүйлөшүп турду: "Ушундай кызым бар экенин билбей жүргөнүмдү кара, кечирип кой Нурия", - деди чын дилинен Батыркул. "Жо-ок, кызым деп айтууга акың жок Батыркул, анын алпештеген атасы бар, бул кыз биздин жаштык, мастык кездеги көңүл отторунан жаралган бир тал чырпыгыбыз, ал биздин жүрөгүбүздүн тереңинде катылган сыр бойдон калышы керек", - деп көзүн тартып алды Нурия.

- Үйгө кирсеңер боло, - деп Өлмөскан Нурияга караганда Лилия сүрөттү көтөрүп келип калды, - каралдымдын мектепти бүтүп жаткандагы сүрөтү, капырай де, ушунчалык окшош болот экен да, эгиз десе болчудай…

- Кой байбиче, конокторду үйгө киргизели, тур эми, чай-пай дайындай гой, кызым.

- Даяр эле ата, - Лилия тыпылдай жооп кылды. Нурия Өлмөскандын артынан басты: "Күйүт дөөнү карып кылат дегендей келбеттүү да, албеттүү да аял экен, жашында сулуу болсо керек, бечара кызынын өлүү-тирүүсүн билбей азаптан мүңкүрөп калган экен, башка салбасынчы, баса Батыркул эми айтып койбогой эле, жабылуу аяк жабылуу бойдон калганы дурус эле…", - деп ойлуу үйгө киришти. Лилия төргө төшөк салып, дасторкон жайып чай алып келди. Көптөн кийин Гүлүмкан Лилияга суроо узатты.

- Сени окууга барат деп жүрбөдү беле, окуп жатасыңбы?

- Жок, үйдө элемин.

- Ии-ий да, шартыңа карайсың да.

Алар ошентип сүйлөшүп чай ичип отурганда Турат Эсенамандын үйүнө келип таппай калды, эки тестиер бала ойноп жаткан, алардан сураганда алар жарыша:

- Гүлүм эжем апам экөө бир жакка кеткен.

- Апамды ээрчитип кеткен, - дешип эдиреңдей санаасыз айта койду да ойноп жаткан оюнун улантып кетти.

- Кайда бараарын айтышкан жокпу?

- Жо-ок.

- Бизге айтпайт да? - дегендерин угуп машинада отуруп кеңешип жатты.

- Болду болбоду участковыйга кеткен экен.

- Анда бүттү, Маратты сурабай туруп түбөлүк түрмөгө кесет. Кой, үйгө баралы, дароо үйгө ээрчитип келет чыгаар.

- Катын душман деген чын да, карасаң тейтеңдеп качып кеткенин, ошол үчүн койнуңда жаткан аялыңа сыр ачпа дейт да? - деп Турат жинденип алды.

- Кайда кетти экен?

- Кайда бармак эле, милицияга кетти да, акырын сүйлөбөй апам тим эле бакылдап ийбедиби, кирип келатса керек, анан дароо артынан чыкпай отуруп албадыкпы?

- Эмнеси болсо дагы үйдө болуп туралы, көрөбүз да, - дешип артка кайрылып жөнөштү. Ар кайсыны ойлонуп келе жатышып алды жактан Нурия менен Гүлүмкандын келатканын көрүп кубанып кетишти.

- Апасы экөө барып айтып келаткан го?

- Эгер айткан менен күбөсү болбосо ким ишенет, Маратты мойнуңа такыр алба деп үйрөтүп коелу.

- Ошондой болчу беле, жел чыккандан кийин алар айттырып алат, - дегиче алардын жанына жетип токтоп калды.

- Оо кудагый кандайсыңар, жакшы жатасыңарбы? - Турат түшө калып ийиле учурашты, үйгө барсак жок экенсиздер.

- Эмнеге бардыңар эле, эми издебей койсоңор да болот, кызымды ушул убакка чейин зорго кармап келдик, эми токтото албайбыз, - Нурия терс бурулуп өтүп кетмек болду эле Зыйнат.

- Кудагый, ал эмне дегениңиз, Гүлүмкан биздин келинибиз, эч ким эчтеке дебесе дагы кете бергени кандай, келин деген эринин ички, сырткы сырын жашырып, баарына чыдашы керек?

- Чыдай албайм, Мараттан корком, киши өлтүргүч менен эч качан жашабайм! - Гүлүмкан ушинтип басып кетээрде Турат аны карыдан кармай калды.

- Киши өлтүргүч дейсиңби, аны ким айтты сага, өзү айттыбы, же көрдүң беле? - деп кыжырдуу көзүнө тике караган кайнагасынын колун силкип жиберди.

- Ооба, киши өлтүргүч дедим, бир жыл бою тозокто гана жашадым, күндө адам болот экен деп күткөн үмүтүм талаага кетти, чын пейлим менен жашамак болдум эле. Өзүңөр айткылачы, жаныңда жаткан эриң түндөсү бакырып өкүрүп муунтуп тынчыңды алса мындай тозок жашоо кимге керек? - Көзүнүн жашы ирмелбей төгүлүп кетти, - Шордуу кызды өлтүрүп коюп мени ала качып же адамча жашай албай иттин кейпин кийип жүрсө кайсыл аял чыдайт? - деди да жүгүрүп кетти. Турат унчукпай туруп калды.

- Мен кызымды ушул убакка чейин тыйдым, эми тыялбайм, шибегени капка каталбаган сыңары бул сыры эми ачыкка чыгат, - деп Нурия анын артынан жөнөдү.

Биртуугандар бири-бирин карап туруп калышты да машинага түшүп үйүнө келишти. Алар келгенде Кемелдер баары жабыла төркү бөлмөдө отурушкан экен.

- Келиниң мурдатан эле билген турбайбы, эми баары бир ачыкка чыгат, кыздын ата-энесинин алдына барсак кантет, адам кунун төлөш кыйын дагы, бирок алар деле пенде да, астына беш жүз миң менен үч жылкы бер, ата. Балаңдын кетирген кылмышын жабыш керек, акчаны биз табабыз, болбосо тогуздап мал айдап үйүнө барышың керек, сага тийе албайт, биз менен мушташып канга-кан деп катуу кириши мүмкүн, - деди Турат.

- Жарды болуп кетсем да берем дечи, бирок ошолор алабы?

- Адам көнөт да, анын үстүнө өлгөн кызы кайрылып келмек беле, атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер дешет го, акыры көнөт да, муну милицияга жеткирбеш керек.

- Кантип билгизбей коебуз, же кызды атам угузабы? Алар кызын тирүү келип калат деп күтүп жүргөнүн уккам, Мараттын аны өлтүргөнүн мен кайдан билем, алардын тарткан азабын атамдар тартып отурат го? - деди Зыйнат.

- Эмне кылыш керек?

- Ким билет?

- Ушу баласынан күйдүм, бул мурда дагы отуруп чыккан. Көзгө көрсөтпөй жоготпосо мага кел, эмне жатат бул ыя, кыйратып койгонсуп, ойготкулачы Маратты, - Кемел иниси Туратты карады.

Бирок Марат турбады, ары айтып, бери айтып жатып чарчашканда тамак ичкенге кирип кетишти эле Марат аларга көрүнбөй чыгып кетип калды. Ошол бойдон үч күнгө чейин келбеди, кайда кеткенин билбей издеп чуу түшүп жатышты. Гүлүмкан болсо Өлмөскандын акыбалын көрүп жүрөгү сыздап жатты.

- Акмак, ал байкушту өлтүрүп коюп басып жүргөнүн кара. Сага өлүмдөн башка жакшылык жок, ата-энең дагы дал ошол Шириндин ата-энесиндей сыздап калсын! - деп сүйлөнүп баратып Гүлүмкан жыгылып түштү. Катуу жыгылгандан улам Нурия аны дароо эле ооруканага алып барды. Ичи билине элек болчу, үч айлык боюнан түшүп кан токтобой жатып араң токтотушту. Кан көп кеткенге Гүлүмкандын абалы оор болуп жатты. Врачтар "кан керек" дешип кайра-кайра ата-энесин чакырышып кан бере турганыңар барбы дегенде Эсенаман келип бермек болду эле анын группасы туура келбей турганын айтты. Ошол күнү Нурия ыйлап отурса Батыркул ооруканага келиптир, ал аны угуп анан келген.

- Эмне, кыз жакшыбы? - деди ал.

- Кан керек экен.

- Мен берем Нурия, мен баарын угуп келдим.

- Эмнени? - Нурия анын көздөрүнө карай чоочуп кетти.

- Кыздын жыгылып ооруканага кеткенин угуп калдым, Бекнияздын машинасы менен алып келген турбайсыңбы?

- Иий ооба-ооба, - Нурия эми эсине келди, ал кызынын өлгөнүн уккан экен, кимден укту экен деп чоочуп кеткен.

- Мен кирейин, кайсы бөлмөдө экен? - деп Батыркул Нурияны суроолуу карады, ал мелтирей үнсүз отурган болчу.

- Оорулууга ким келди? - деди ошондо медсестра палатадан башын чыгара, ошондо Нурия ага басып келди эле, - Эже, кенебейт экенсиңер, кызыңдын абалы оор, болгонун берип жатабыз. Болбой жатат, аракет кылбайсызбы? - деди тастаңдаган келин.

- Мен келдим, кан берем, - деди Батыркул ага.

- Кимиси болосуз?

- Кимиси керек, канбы же тууганы керекпи?

- Кечиресиз, канчанчы группа каныңыз? - Сестра аны ээрчите бөлмөгө келди, - Отуруңуз.

- Канчанчы группа экен тиги кыздыкы?

- Биринчи.

- Анда болот, - деп койду Батыркул, Ал кан берип эми чыкканда Эсенаман дагы келип калды, Батыркулду көрүп эле учурашып аялына карап:

- Гүлүмдүн акыбалы кандай? - деди.

- Жакшы, - Нурия жер карай жооп берди.

- Кан табылдыбы?

- Ооба, Батыркул кан берди.

- Ыя? - Эсенаман каңырыш угуп калдымбы дегендей аялын карады, - Батыркул кан бердиби?

- Ооба, мен бердим, кечээ Бекнияздан уккамын, анан кызың менин кызым менен бирге окуган экен, - деп басып кетти Батыркул.

- Ош-шондой де…

- Эмнеси ошондой экен, келип балабызга жардам берген адамга дагы ошондой мамиле кылат бекен, ыраазылык билдирип койгондун ордуна дел болуп каласың, - Нурия ага анын кызы жоголгонун саймедиреп айтып берди, - Каякка десем айтпай дегдеңдетип ээрчитип үйүнө бардык, анан айта албай койдук, аялынын акыбалы оор экен, анан Бекнияздан угуп келип калыптыр…

- Жаман болгон тура, эн-неңдурайын десе, кызымдан айлангыр, алар келген жокпу?

- Кайдан келет, айгактын жогу жакшы деп өлүмүн тилеп жатышкандыр…

- Ошол өзү эле өлө берсин, атаңдын оозугурайын десе, - Эсенаман эмелеги ички кызганычын эсинен чыгара ичинен кыжынып алды.

Нурия палатага кирсе Гүлүмкан али эчтеке сезбей жаткан экен, көз жашын аарчый кайра чыкты.

Бул кезде Апсамат балдары болуп Мараттын кайда экенин билбей ар кимдерден сурап жүрүштү. Бирок көргөн эч ким жок, арак ичишкен достору эки күн мурун бирге ичкендерин айтты. Кайда кеткенин билишпейт. Ээн талааны, ээси жок үйлөрдү издеп суй жыгылышты. Аргасы кетип үйдө чогулуп алып сүйлөшүп жатты:

- Балаңды жаман үйрөткөнсүң ата, каалагандай кое берип, эмне десе аткарып, машинаны болсо түрмөдөн келээри менен алып бере салдың, анан көптү да? - Кемел күпүлдөп жинденип, - Жинди балаң үчүн жумуштан калып жатам, мен алчылап ойноп жүргөн жокмун да?

- Биз деле зорго отурабыз, бала-чакабыз бар, эми аны кайдан табабыз? - деп Кеберкан дагы ачуулана кетти. Беркилери унчукпады, ошондо Саадакан.

- Ат-таңдын көрү-ү, силер он болсоңор дагы биз түтөбүз, он бөлүнүп турабыз, чыдайбыз. Силер иниңерди издегенден үч күндө тажай баштадыңар, силердин намысыңар, сөз силерге калат, азбы же көппү канча жашаарыбызды ким билет, көзүбүз өтөт, силердин бетиңерге чиркөө болот ошол талаада бирдеме болсо, айтылбайт деп болбойт, чыдап дагы эки күн издеп көргүлө, - деди.

- Мен ат менен тоого дагы барып келейинчи, силер издей бергиле, - деп Апсамат туруп кетти, ал Марат келбей калгандан бери эч ким менен сүйлөшпөй калган. Эми дагы үндөбөй атына минип чыгып кетти. Ар кимиси ар кайсыны ойлонуп отуруп калды. Канча отурганын ким билет, Кемел менен Турат экөө машинаны айдап жөнөдү.

- Машинасын да айдабаптыр, жакын эле бир жерде жатса керек, бойдок келиндерди издеп көрүш керек экен? - деди Турат.

- Ой ошол кейпинен кеткен немеге ким ашык болуп жатыптыр, эси оогончо ичип арыктарга түшүп кеткен жокпу андан көрө, же сууга агып кетпесе болду.

- Эмнеси болсо да табылса экен, - деп кетип жатты.

Анан кайра үйгө келип жөө басып чоң суунун боюн карамак болушту. Эч дайыны билинбеди. Акыры ар кайсы шылтоону айтып эки кызы кетип калды, кайра келмек болуп кетишти. Кемел менен Турат калып издеп жатышты, акыры аргасыз милицияга да кабарлады. Апсамат түнөрүп кемпири берген тамагын ичкенден башка ооз ачып сүйлөбөйт.

Гүлүмкан акырындап оорусунан айыгып келатты, ойгоо жаткан болчу. Палатанын эшигин кыңайта ачып Батыркул кирип келди.

- Кандай кызым, денсоолгуң жакшыбы, айланайын?

- Жакшы, келиңиз, - Гүлүмкан башын көтөрө калды.

- Жата гой кызым, турбай эле гой, - Батыркул анын жанына келип чекесинен өптү, - Жакшы болуп кет, кызым.

- Рахмат.

- Ширин экөөңөр кандай мамиледе элеңер, кызым?

- Классташ катары.

- Аа-а жакшы, анда мен барайын, - деди жылмая, - Дагы келем ээ, кызым?

- Убара болбой эле коюңуз, бир-эки күндө чыгам го?

- Болуптур анда, дагы бир келип кетүүгө аракет кылам, кызым, - деди да палатанын эшигине жеткенде ал ачылып кетти, Нурия кирип келаткан эле.

- Жакшысыңарбы?

- Жакшы, өзүңөр кандай, бала-чака чоңоюп жатабы?

- Чоңоюп жатат, мен кызымды көргөнү келдим эле, өзү менин кызыма абдан окшош экен, - Батыркул жылмайып коюп чыгып кетти.

- Гүлүм кандай, кызым, ал-акыбалың жакшыбы?

- Жакшы апа, атам үйдөбү, өзүңөр кандай жатасыңар?

- Баары жакшы кызым, сен эле сакайып кетсең болду, биз эмне, үйдө эмеспизби. Качан чыгара турган?

- Бир-эки күндө чыгарат го?

- Мараттар үйгө барган жокпу?

- Унутчу кызым ошолорду, ушуну менен экини таштап салдың, эмдигиче берки балаң чоңоюп калат эле, экинчи анын эшигин аттатпайм, башың аман болсо эр табылаар…

- Мен аны айткан жокмун, Ширинди өлтүргөнүн айтып коюш керек эле да, ушинтип эле жүрө бермек беле, жазасын алсын, бирөөнү кайгыга салып коюп басып жүрө бербей. Апасынын акыбалын көрдүңүз го, ачыгын билбей азап тартып жатканын.

- Эми эмне кыл дейсиң кызым, айтууга оозуң барбайт экен да, көрдүм баарын, бирок экөөбүз эмнени далилдейбиз?

- Маратты милицияга карматсак эле өзү айтып берет да.

- Ой билбейм кызым, танып кетип сен балакетке каласыңбы деп корком.

- Кызык, менден көрмөк беле?

- Ким билет?

Эне-баланын бул сөздөрүн Нурияны күтүп коридордо турган Батыркул угуп эмне дээрин билбей отура берди, каалга саал ачылып калган экен, алар сүйлөшүп жатты.

- Апа, ал бир сарайды айтып жүргөн.

- Сагабы?

- Жо-ок, ал өзүнчө эле сүйлөнө берет, ким менен сүйлөшөт билбейм, бакырып тура калат. Бир жолу мени муунтуп өлтүрүп кое жаздабадыбы, - деп Гүлүмкан айтканда мээге бирөө келтек менен чапкандай: "Сарай дейби, сарайды Өлмөскан түшүмдө көрдүм деди эле", - деп ойлонуп, Батыркул ордунан тура калып палатага кирмек болуп баратып башы тегеренип, көзү караңгылап барып жыгылып түштү.

Аны дароо эле врачтар тегеректеп укол куюп калды. Нурия жанында жүрөт. Батыркулдун кан басымы көтөрүлүп кетип ооруканага жатып калды. Лилия күндө бир маал келип жүрдү, бир күнү ага Аида деген Шириндин классташы келип:

- Лилия сак бол, сени алакачмак болуп эки машина жүрөт, - деди демиге, - Сак болбосоң алып кетип калат.

- Кимдер экен?

- Билбейм, сенин атаңдын ооруп жатканын айтышыптыр, ага карабай алып кетебиз деп жатыптыр, - деди.

- Кызык, эмнеге мындай, атам ооруп жатса, кантип барбай коем? - Лилия ойлуу жер карап туруп калды.

- Иши кылса айтып койдум, сак болбосоң тааныбаган жерге барсаң кантесиң?

- Барбайм.

- Кантип, эркектердин колуна түшсөң улактай өңөрүп эле алып кетип калат, сенден сурашмак беле, - деп Аида тамашалай сүйлөшүп туруп анан кетти.

Лилия апасы менен кеңешип отурду. Ооруканага Жаныш эле барып турмак болду. Үйдөн чыкпай камалып отургандан Лилия тажап да баратты.

Жаныш бир күнү "ала качабыз" дегендерди аңдып коңшусунукуна кирип кечке отурду, кечке маал ак жигули жай айдап алардын жанынан өтө берип токтоду, анын артынан дагы бир көк машина келип андан өтүп токтоп туруп калды. Жаныш Ишенди жөнөттү. Ал барып алар менен учурашып туруп калганда Жаныш карап турду. Ишен эч сыр билгизбей кайра келди да:

- Ушулар экен, түн болсо да үйүнөн чыгарып алып кетебиз дейт, - деди.

- Үйдөн алып кетет бекен? - Жаныш ачуусу менен аларга жетти да, - Силерге эмне керек, тынч жашоо керекпи же кыз керекпи? - деди.

- Эй-эй, мунусу ким? - деди бир баатырсынганы, - Акесин таанытып койгулачы, - дегенде бири ага шыбырап койду:

- Кимди эмне кыласың, азыр сыйыңар менен кетип калгыла!

- Кетпегенде эмне кыласың, карындашыңды кайтарып эмне кыласың? - деп кычаш сүйлөгөндө Жаныш жетип аны алка жакадан алды:

- Кетесиңби же жокпу?

- Койгула балдар, эртең эле бет карашабыз, тынчтык менен эле кетели, - деген эки жигит Жаныштын колун зорго бошотту.

Көгөрүп кеткен тиги неме сулк эле жатып калды. Жаныш артын карабай үйүнө кирип кетти.

Ошондон көп өтпөй эле алардын үйүнө Сайра дагы келди. Бул келишинде ачык эле:

- Өз өлтүрбөйт, жат жалгабайт дейт, өзүм келдим сиңдим, кызды сураганга бер деген, Лилияны менин неберем жактырып калыптыр, чоң окууда окуйт, макул десең ала качты кылып эле алып кетели, - деди үмүттүү карап.

- Эже, биздин ал абалыбызды көрүп туруп табалаганыңарбы, же атайылап кылганыңарбы, Батыркул да ооруканада, биз кыз бере албайбыз, - деди Өлмөскан зиркилдей.

- Ботом, күйөө баланын ооруганын го билген жокмун, эми чоңойгон кызга кимдин көзү түшпөйт, ар нерсенин өз убагы болот, сен өзүңдү кармап, ачууланбай эле тур, жакшылап сүйлөшөлү, - деди Сайра жоошуй.

- Эже, сизге ток этээр жерин айтсам Лиияны эч кимге бербейбиз, өзүм келин кылып алам! - дегенде Сайра унчукпай таңгала карап: "Бул мени ушинтип алыстаткысы келип жатабы, түңүлсүн дегениби, баласына кантип алып бермек эле", - деп көпкө отурду да:

- Ыя кокуй, мени ушинтип түңүлтөйүн дедиңби? - деди акырын.

- Эже, мен Лилияны Жанышка алып берем, мени ошол үчүн жаман көрүп каттабай койсоңуз өзүңүз билиңиз, - деди ойлуу Өлмөскан.

- Ош-шондой де, туура ойлоптурсуң, сиңдим, өзүң чоңойтуп өстүргөн кызды бөтөн бирөөгө бербей туура кыласың, өздөрүнүн дагы бири-бирине көңүлдөрү бардыр да..

- Жагабы же жакпайбы, өзүмдүн чечимим ошол, балдар азыр эч нерседен кабарсыз, - деген Өлмөскан: "Кокус бири-бирин жакшы көрөт десем ушак чыгып кетпесин", - деген ойдо ушинтип койду.

Лилия алар канчалык шыбырай сүйлөшүп жатса дагы угуп туруп кубанып алды. Сайра кайра эле ошол күнү кетти, нан ооз тийип чай ич дегенине караган жок. Өлмөскан: "Бир кыз деп төркүнүмө жат болмок болдум, сураганга берип ийип тынч эле отура берсемчи", - деп ичинен сызып алып тиричилигине киришти.

- Лилия! - деп үйгө карай үн салды. Лилия чоочуп кетти, ал Жаныш жазып койгон катты окуп жаткан.

- Апа, мени чакырдыңызбы?

- Ооба кызым, жүндү сабап эртең кийиз жасасакпы дедим эле, экөөлөп кийизге салалычы.

- Макул, апа.

- Кызым, бу элдин баары эле сени көрүп калгансыйт да, өңгөдөн өзүмдүн эжемди айтсаң, - деп күлүп койду.

Лилия унчуккан жок. Өлмөскан дагы унчукпай калды: "Азыр бу бала да, эмнени түшүнсүн, келечеги жакшы болсо болду, Батыркул келсе туугандарды чакырып кеңешели дагы экөөнү үйлөнтүп коелу, болбосо ар ким келе берип тажатып жиберди", - деп ойлонуп жүндөрүн чийге сабап жазып жатты, үстүнө түр түшүрө тургандай кылып. Жанында Лилия өзү көрсөткөндөй кылып жардам берип жатты. Кечке жуук баарын жыйып коюп анан үйгө киришти. Жаныш алар эшикте жүргөндө кирип өзүнүн катына жооп жогун көрүп шылкыя түштү, көз караштары бириге калганда кыздын карегинен сезди. Ал катты мындайча жазган эле…

"Лилия гүлүм, сенин жаныңдан карыш чыккым келбейт, айла жок, тезирээк эле кошулуп алсак экен, анда уялбай калат элем, сенчи, сен мени жакшы көрөсүңбү, деги мен жокто жалгызсырайсыңбы, айтсаң Лилия?! Талаада чөп чаап жүрүп эки кооз көпөлөктү көрдүм, алар кудум экөөбүзгө окшоп бири-бирине коошпой баратканы менен улам тийишип кайра кубалашып ойноп жатышты. Мен сени ойлодум, сен дал ошол кооз көпөлөктөйсүң, бүгүн мага кандай сонун сөздөрдү жазаар экенсиң, сенден жооп күтөм", - деп койгон. Лилия ага ар дайым бир эле жооп жазчу: "Сүйүү адамдын денесинде жүрүп турган кан менен биргеби же тоо башынан ала салып таштан-ташка урунган сууга окшогон өмүр менен биргеби? Сүйүү кушпу кармап алгыдай, буюмбу сактап алгыдай? Дүйнөдөгү хан менен падышаларды өзүнө баш ийдирип алчу кандай күч, кандай зор да бийик?! Мен буларды көп ойлонсом дагы чече албадым, балким кылымдан кылымга айтылып келаткан уламыш махабат сыры бул тирүүлүктө эч ким чече алгыс улуу күч болсо керек, сиз мага ушул сырды чечип берсеңиз анан жооп аласыз", - деп жазганын окуганда Жаныш чындап эле ушул сөздөрдүн мааниси менен маңызын ойлоп чече албасын билгенде Лилиядан уялып калат. Бирок өз жүрөгүнүн эңсөөсүнө жетүүнү максат кылып алып эси-дарты кызда. Ал чынында ата-энесине ыраазы, каршы чыкпай оюндагыны өздөрү айтканда кубанганынан эмне кылаарын билбей оозуна сөз кирбей да калган…

Эртеси Батыркул ооруканадан чыгып келди, Төрөбай менен Канымжандар эчки алып келип түлөө өткөрүшүп анан ал күнү үйүнө кетпей калып калышты. Батыркул эсине келгенден бери уккандары көкүрөгүн өйүп: "Кандай кылсам, союлду алып алып эле Апсаматтын үйүнө барып Маратын сүйрөп чыксамбы, кызымдын сөөгүн таап бер деп сабасамбы, же өлтүрүп эле койсомбу? Эгерде Жаныш укса азыр жөнөйт, эки жаат болуп уруш чыгып бир эл бири-бирибизге жоо болобуз. Кантсем экен, акеме кеңешейин", - деди да экөө сыртка чыгып короону айлана басып эки жакты караган болуп Батыркул Төрөбайга укканын айтып берди. Аны уккан Төрөбайдын ачуусу келе күпүлдөп кирди:

- Ой андай болсо өзүндөй кылып баласын өлтүрүп алдына таштап коебуз.

- Жо-ок аке, өзүбүздү эмес, балдарды ойлошубуз керек, кийин жоолашып бири-бирине кас болуп укумдан тукумга залака кетпесин. Экөөбүз эртең Эсенамандын үйүнө барып келээрбиз?

- Мейли, барып ошо кыздан сурап келели.

- Аныгын билбесе дагы айтып берет, - деди Батыркул.

Азыр сүйлөшүп үйдү көздөй басканда короонун оозунан беш алты караан көрүндү, аларды көргөн Батыркул өзүнө-өзү кайрат берип: "Демек болчу иш боло турган болду, ушунча мезгил үмүт менен жашадык, туура бир жылдын жүзү болду, кайдан табаар экенбиз, кандай абалда", - деп миң түрдүү санааны жүктөнө аларга жетүүчү жол кадам болсо да ал үчүн күндүк жолго барабар болуп кетти.

- Ассалоому Аллейку-ум Төрөбай аке, Батыркул аке, - деп караңгыда тигилердин бири учурашты да Төрөбайга карады, - Сизде жумуш бар эле…

- Кандай жумуш?

- Отунчу акем чакырып жатат. Ошол жакка жүрсөңүз.

- Болуптур, ошончо эле зарылбы?

- Билбейм, өзү билет го?

- Барса барайын, - деген Төрөбай инисин карай, - Мен азыр эле келем, - деди да жөнөдү.

Аны ончакты тууган-уругу менен Апсамат баш болуп анын дагы туугандары чогулуп күтүп турушкан экен. Төрөбай келгенде отургандардын көбү орундарынан туруп өйдөтөн орун көрсөтүштү.

- Келиңиз, аке.

- Кел Төкө, кел.

- Келдим, бул эмне деген жыйын? - деген Төрөбай Апсаматты көзү менен ата бир чолуп өттү, - Бул Апсамат кан жуткансып кумсарып биерде эмне кылып жүрөт? - деп койду билмексен боло.

- Төрөбай, - деди ал жайланышып отургандан кийин айылдын аксакалы Куттубай карыя, - Кубангандан маңдай айрылбайт, сүйүнгөндөн жүрөк жарылбайт дегендей бүгүн биздин чогулуп отурганыбыздын себеби Батыркулдун кызы киши колдуу болгонуна туура бир жыл болуптур!

- Ушулбу айта турганыңар? Кана ким өлтүрүптүр, түп орду менен тамырын жулуп тыптыйпыл кылайын! - Төрөбай ордунан тура калды, - Кана айтпайсыңарбы, ким экен ал жырткыч?!

- Апсаматтын баласы кокусунан өлтүрүп алыптыр, акыл калчап, эсиңди жый, Батыркул менен аялына баш көз болуп кайрат бер! - деди Куттубай.

- Адегенде кайда экен кыздын өлүгү, ошону айтсынчы! - деп Төрөбай Апсаматка жулунду, - Ошол кыздын жанына балаңды кошо көмбөсөмбү, кана канкоруң?

- Төрөбай, сен кайра кайрат берип калыстык кыла турган жөнүң бар го, али Батыркул уга элек, баласы уга элек, ошондо чоң жаңжал болсо да эл ичиндеги аксакалдар калыс болуп данакер болсок боло, эки жактын жаңжалына суу бүркпөй эс акыл менен иш кылалы, кыздын сөөгүн алып келип анан угузалы… - дегенде Төрөбай Апсаматка карап.

- Кантип ачууланбай коем эл журт?! Карачечекей инимдин баласы менин балам эмеспи, колума тийгизип койгулачы ушул кара текени балдарынын алдына улак кылып тартып барып таштайын! Бала баккан ат-та-аңдын ооз-зугурайын акмакты бергилечи мага! - деп жулунду, көзүнүн жашы сакалын ылдый куюлуп, колтуктагандарды сүйрөдү.

- Ооба, күйгөнүңчө бар, бирок анын баласын деле кызды көмгөн жерден табышыптыр. Бул баласын жаман болсун, киши өлтүрсүн деп чоңойтту дейсиңби, кайраттуу болуп Батыркулга, аял балдарына тээк болсоң боло, ансыз да кудай жазасын берет анын дегенде Апсамат башын жерге сала:

- Өлтүрсөң мен турам кашыңда Төрөбай, уулумдун күнөөсүн мен тартайын, башым, малым тартуу! - деп чөгөлөп турду. Ошондо Апсаматтын бир тууган иниси аны өйдө кыла:

- Жанга жан, канга кан десеңер чабышуудан кайра тартпайбыз, акемдин күнөөсү Мараттын атасы болгонундабы. Сөз тийгизсеңер Маратты бөлүп жегиле, мен агамдын минтип чөгөлөшүн жактырбайм! - деп кыйкырды.

Уу-дуу болуп жатып акылга келишти. Түндөп чогулуп барып сөөктү ачып ороп келишти, бириндеп бүтүп калган экен. Түн бир оокумда катуу өкүрүк айылды түп көтөр жаңыртты. Батыркул менен Өлмөскан чырактай кызынын ордуна шагыраган сөөктү көрүп, ошондогу кийип жүргөн кийимден таанып өлүп тирилип жатты. Жаныш түн бир оокумда Апсаматтын үйүнө союл алып барып эшигин талкалап үйүн өрттөмөк болгондо достору угуп калып зорго үйүнө алып келишти.

- Оо каралдым, чүпүрөкчө болбодуң кокуй, киймиңди көрдүм өзүң жок каралдым, кара оозуна кан толгур, колуңа кудай шал оорусун бергир, убалы уктатпай, мен боздогондой боздосун эне-атасы, - деп үнүн баспай Өлмөскандын үнү бүтүп, оозу кургаса да суу жутпай какшап жатты.

Эртеси сөөктү аруу жууп ак кепиндеп эптеп жерге беришти. Батыркулдун көзүнүн жашы сала-салаа болуп үнсүз отурду…

Гүлүмкан угуп алып классташтары менен ыйлап келип кетти да кайнатасынын үйүнө барды, аны көргөн Саадакан унчукпай ичкери кирип кетти. Марат эч нерсе билбей жаткан, эптеп эле жаны бар болчу. Анын жанына барып:

- Кандай дитиң барды а, бирөөнүн чырактай кызын өлтүрүп коюп дагы бирөөнүн тагдыры менен ойнодуң, чын дилим менен жашап калууга аракет кылдым эле, сенин күнөөңдүн зыяны тийип баламдан, ал тургай балалуу болуудан куру калдым, кудай жазаласын сени, убалым уктатпасын! - дегенде Саадакан менен Зыйнат, Кеберкандар кирип келип жаалап жиберишти:

- Өзү зорго жатса эмне деп жатасың?

- Кеткен бойдон кетип калбай неге келдиң?

- Тынч кой, эс алсын, - дешип үчөө үч жактан чыкканда көз чанактары жашка толгон Гүлүмкан аларга бурулуп:

- Тынч жатсынбы, ушунча күнөөнү мойнуна жүктөнүп тирүү кантип жүрөт, менин тагдырымчы, эми күйөөгө тийсем балалуу боло албайм. А Ширинчи, күлгүнүндө күбүлүп жатып калды. Балаңарга өлүм гана ылайык, ушундан көрө өлгөнү артык! - деп Мараттын маңдайына келди, - Жашоо кызык бекен, жан таттуу бекен, чыркыратып бирөөнүн жанын алып жатканда ойлодуң беле ар бир адамдын жаны сеникиндей экенин?! - дегенде Марат көзүн ачып:

- Ширин, Ширин мен сага баратам! - деп жалдырай Гүлүмкандан көзүн албай андан кийинки сөздөрү угулбай оозу кыбырап жатты.

- Акмак, жазаңды кудай берсин! - деп Гүлүмкан булкуна чыгып кетти.

Саадакандар селдейе үнсүз гана турган орундарында тура беришти. Гүлүмкан ыйлаган бойдон калган кийимдерин чогултуп алып баратканын көрүп унчугушкан жок. Марат көзүн ачкан бойдон кете берген экен, ошол түнү алардын үйүнөн чуу чыкты. Уккан элдин төбө чачы тик туруп, жакасын карманып ар кандай кеп чыгарып жатты:

- Ай, Марат кызды сүйүп калса болбой койгон экен, өчөшүп өлтүрүп коюптур да.

- Ой койчу, Ширин өзү жабышып жүргөн имиш, тажаган го, өлтүрүп кутулуптур, эми экөө жолугушуп аркы дүйнөдө бирге болушат го?

- Койсоңчу кесир сүйлөбөй, мас болуп алып эле салып барып өлтүрүп койгондур? - дешип ар кандай айтып жатышты.

Байыш менен Жаныш ыйлап досторунун курчоосунда туруп Маратты өлтүрмөк болуп жатышкан, бирок аларды Төрөбай кайтарып алыс чыгарбай жатты. Ошол убакта: "Марат да өлүптүр", - деген сөз угулду. Демдерин тарта унчукпай отуруп калганда бири:

- Кан куткарбайт деген ушул да, акыры өзү деле кеткен экен, - деди.

- Бир өлмөктөн миң өлбөйбү, карындашымдын жанын чыркыраткан канкорду бир сабап алганда арман жок эле? - деди Байыш улутуна.

- Кайрат кылгыла, ар кимге ар кандай өлүмдү буйрат экен кудай, жаны жаннатта болсун, кайраттуу болгула.

- Ошол он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кызга ушундай өлүмдү бергидей эмне жазыгы бар эле?! - деп Жаныш андан бетер ыйлап жатты.

Ошентип туура бир жыл деген күнү жерге беришип ыйлап-сыктап кала беришти. Лилиянын чучуктай чаңырып эжекебайлаганына ыйлабаган жан жок, бечара кыз улам эч нерсе билбей өзүн жоготуп жатып ооруп калды. Батыркул дагы төшөк тартып жатып калды, Өлмөскан болсо кыздын бириндеген сөөгүн көрүп бирде эсине келип, бирде жоготуп жатып эсинен айнып калгандай болду, аны ооруканага жаткырышты. Бактыгүл гана кирип чыгып ооруларга карап, куран окуп келгендерге чай берип, кайненесине барып кыйналып жүрдү. Он чакты күн өткөндөн кийин Лилия туруп калды. Батыркул ордунан туралбай көпкө жатты. Төрөбай менен Канымжан эки күндүн биринде келип ал абалын сурап турушат, үйүнөн киши үзүлбөй сурап, куран окуп көңүлдөрүн көтөрүп эртели кеч ошол жерде. Туугандын турпагы алтын деп ушуну айтса керек, өткөн ата-бабалар. Өлмөскан ар кайсыны сүйлөп, туруп-туруп күлүп калганын балдары көрүп сыздап кейип жаман абалда калып докторлор менен сүйлөшүп жакшылап каратып жатып бир аз жакшы болуп баратты. Лилия күндө жанында болуп кеч кайтат, аны ала качмак болгондор алардын кайгысын көрүп тынчып калышкан.

Саадакан Гүлүмканга нааразы болуп жатты, Апсамат болсо эл арасында басып жүрө албай калды, Батыркулдун эшигине өзү баш болуп туугандарын алып эки бээ беш жүз миң сом менен барып куран окутуп кайтты. Канаты кайрылып өзү да баласынын өлгөнүнө карабай Батыркулдан камчысын мойнуна салып кечирим сурады. Баласынын тиги дүйнөдө дагы кыйналып азап тартпай тынч жатышын тилеп болгон аракетин жасап сакалы ылдый жашын куюлта куран окуду. Көргөн элдин алтымыш тамыры зыркырай: "Ушундай уул жаралбаса экен, жаралса жашында эле өлсүн", - деп Апсамат менен Саадаканга боору ооруп турду. Батыркулдун балага болгон ата-эненин кайгысы анын кабыштырып турганда аларды өзүнүн ордуна койду, кечиримдүү болууга өзүн даярдап эл көзүнчө аларга кечирим берди. Байыш менен Жаныш кызуу кандуулукка салып Төрөбайдын балдары болуп чогулуп өч алгылары келген менен ал тыйып койду.

- Канаты сынбас куш болбойт, карысы болбой эл болбойт, канаты сынган кыраан куш, абалап учса түз конбойт, дегендей бир өмүр өздөрүнө жетээрлик кайгы касирети бар балдар, касыңа кара санаба дегенди жакшылап түшүнүп алгыла, - деди ойлуу онтолой.

- Атанын сөзүн укпаган бала балабы, ата, биз дагы сизди сыйлап угабыз, ата, - деди Байыш башын жерге сала, - Ширинди ойлогондо жанымды коерго жер таппай кетип жатпайынбы, аргасыз кечирүүгө туура келет…

- Ыраазымын балдарым, силердей уул берген жаратканга миң мертебе рахмат, ыймандуу ынтымактуу балдарым менен сыймыктанам, - Батыркул оор улутунуп алды, - Апаңар жакшы болуп калдыбы, мен дагы баралбай калдым, бир аз басып калсам бармакмын.

- Ата, апамды эртең менен чыгарып келебиз.

- Ыраспы? Жакшы болгон тура, чоң атаңдар келсе айтайын, түлөө өткөрүп койбосок болбойт, - деп кубанып алды.

Айткандай эле Өлмөскан чыгып келди. Бир аз ыйлап анан абысындары көңүлүн көтөрүп, кайрат айтып жашоого үндөп:

- Жетер Өлмөскан, сенин тарткан азабың түбөлүк төшөктө калууңа алып келет, эми мынабу үч балаң үчүн жашашың керек, жакында небере көрөсүң, кокус сен болбосоң балдарың кубанычында томсоруп калбайбы, силер минтип кайгырып отурсаңар балдар эмне болот?

- Өлгөндүн артынан өлмөк жок, тирүүнүн жашоосу өтө берет, өлгөндүн өзүнүн шору, көрүстөн берсин сазайын деген сөз бар, эсиң менен кайгырып күйүт тарт айланайын, эстүү жансың.

- Кантейин жеңе, ушуну баштан өткөрөм деп оюма келбеген, ичим күйүп кана турат, балдарымды да ойлобосом болбойт, Жанышты үйлөнтүшүм керек… - деп чай куюп отурган Лилияны карап койду, - Эми Шириндин жылдыгын өткөргөнгө калды го?

- Жылдыкты кыркын өткөргөндөн кийин өткөрүп коюшуңар керек, ансыз деле арадан жыл өтпөдүбү? - деди Канымжан, - Жаны жаннатта болгурумдун эми жаны жай алгандыр…

- Эмнеге, жеңе?

- Жыл бою көмүлбөй калган өлүк же тиякка, же биякка кошулбай тирүүлөрдүн тынчын ала берет, Маратка көрүнүп жүргөн тура, арбак өч алат деген ырас экен го, өзү ак кепинделген күнү ал дагы барды, - дешип сүйлөшүп жатты.

Батыркул сөзгө кошулбай отуруп калды, ал мурункудан өйдө болуп өзү тамак ичип калган.

Ошентип кайгы касиреттүү күндөр өтүп, жакшы күндөр башталды. Эстегенде көзүнөн мөлт эткен жаш ыргып, Өлмөскан жоолук учу менен сүртүп алат да, жашоонун машакаттуу да, кызыктуу да мүнөттөрүнө сүңгүп кетет. Жаныш менен Лилияны үйлөнтүп коюшту. Бир даары туура көрсө, бир даары туура көрбөй ар кайсыны айтып сөз жүрүп барып токтоп, турмуш өз нугу менен өтүп жатты. Лилия менен Жаныш ынтымактуу, жакында балалуу дагы болгону турушат, Байыштын улуу кызын багып жүрөт, экинчиси эркек ал өздөрү менен шаарда. Байыш кызынын атын Арзуу деп койгон, ал керээли кечке Батыркулдун бутуна илээшип ээрчип жүрө берет, тили ширин. Элдин баары бизнес менен алектенип, совхоз-колхоздор тарагандан кийин жумуш жок жаштардын баары шаарга жөнөп жаткан убак. Жаныш атасынын жанында мал багып өз оокаттарына тың. Лилия шакылдаган келин болгон, ал өз бактысына ыраазы, ата-энесинин кызы да, келини да болуп жашоосуна канимет кылып калган.

Бир күнү алардын эшигине машина келип токтоду, аны карап турган Батыркул шашыла алдын тосо чыкты. Ал Гүлүмкан болчу, Мараттан кеткенден кийин ал бир жигитке турмушка чыгып бактылуу, ал бүгүн күйөөсү менен ата-энесиникине келип учурашып отурганда Нурия кызы менен ээн сүйлөшүп, жүрөк өйүгөн сырын айткан. Эсенаман үйдө жок болчу, турмуштун оош-кыйышын түшүнүп калган Гүлүмкан түшүндү, апасын аяды. Баарын таразалап көрүп жөн гана адамгерчилик, адамдык парз катары келгенин түшүндүрүп Жаныш менен Лилияны куттуктап келди. Батыркулду бир карап алып ичи жылый: "Биринчи жолу өмүр берген ушул адам болсо, экинчи жолу дагы ушул адам мага өмүр берди, ээ?", - деп ойлонуп маңдайына келип

- Саламатсызбы? - деди.

- Саламат, саламат кызым, кел! - Батыркул аны бооруна кысып далыга таптап чекесинен өөп, - Аман бол кызым, - деди үнү каргылдана.

Анан үйгө баштады, Гүлүмкан үйгө кирип баратып төрдө илинип турган өзүнүн сүрөтүн көрдү. Ооба, ал Ширин болчу: "Ушунчалык окшош экенимди байкаган эмес элем, көрсө окшоштугубуз эгиздердей эле тура", - деп туруп калганда Өлмөскан:

- Кел кызым, келе гой! - деди бетинен өөп, - Экөөңөрдүн окшош экениңерди мурда көргөнүмдө курбу кылып катышып турмак экенбиз, - деп улутунуп алды…

Тагдыр… Аманат жашоодо пенденин башынан өткөн окуя көз алдыңда өтүп, аргасыздык жеңип, турмуштун кара көлөкөсүнө бир күнү жаркырап тийип эчен өмүрлөр жалган жашоонун жетегинде күн түнгө алмашып өтө берет тура, мына ушинтип канча тагдыр бир айланада билинбестен өтүп кетти…

Аягы.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз