Айгүл ШАРШЕН


"Орундалган тилек"


- Атаңдан калган малды баккансып ташта десе болбойсуң, ошо директоруң мактап койсо жаныңды бересиң го, өзүңдүн энчилүү чычкак улагың жок, эми балдар окуганда кантебиз?

- Эмне кыл дейсиң эми? - Карыбек долдурай үн катты.

- Ташта, тоо ташта жүрүп, жапайы болуп бүттүк.

- Койду таштап айылга барганда эмне кылам, же дипломум болбосо, башка иш колумдан келеби?

- Кыбыраган жансыңбы, элдей болуп кыш куй, бирөөнүн тамын сал, ошол колуңдан келбейби, болбосо кароолчу бол!

- Кой Жамыш, мен малды таштай албайм, боор этим менен тең болуп калгандай болуп таштай албайм, балдарды инимдин үйүнө коюп коебуз, окуй беришет, тамак аш, кийим-кечесин берип турабыз да, - деп Карыбек үңкүйө жооп берип туруп кетти.

- Иниңдин аялы менин балдарымды батыраарын кудай билет, тымтырабай окууга жакындаганда жакшылап сүйлөш, балдарды какпай-силкпей карап койсун, сабактарын да көрүп дегендей.

- Макул эми, ага чейин дагы көп бар го, эми жайлоого көчөбүз.

- Газды ушундайда толтуруп келиш керек эле, дегеле эчтеке менен ишиң жок, жайлоодон шыйрагымды жагып оокат кыламбы, минтип күн жаап турса отунду кайдан терем? - деп какшанып жатты. Карыбек койдун артынан үндөбөй кетип баратты: "Тобо-о, аялдардын баары эле ушундайбы же Жамалкан ушундайбы, үйгө келдим баш оорутат, жаагы тынбайт, бир жагы мунуку да туурадыр, жайы-кышы үй бетин көрбөй талаалап жүргөнүбүз жүргөн, балдар үчөө тең окуса кыйналып да калат, ырас эле койду таштап тынч өмүр сүрсөм бекен, жо-ок малсыз бир күн да чыдай албайм, чыдасак балдар чоңоюп калат, анан колубуз узарып жеңилдей түшөбүз", - деп ойлонуп, өзүн-өзү соорото кой артында. Беш жүздөй кой багат, анын ичинде директордун койлору бар. Текшерүү келээрде алдын ала киши жиберип, ал койду башка короолорго жашырып коюшат. Ойлоп көрсө, ырас эле өзүмдүк бир да малы жок экен. Башка койчулардын уй койлору, ал турсун өзүмдүк аты да бар. Өзү минген аты дагы совхоздуку, анан Жамалкан чырылдабаганда ким чырылдамак эле. Кызы дагы бой жетип калды, кокус күйөөгө тийип кетсе, куда тозгудай чамасы барбы, кептин бары мына ошондо. Жадагалса сое турган кой-козусу жок. Ушуларды ойлонуп баратып койдун чар тарапка жайылып, жаандан качып, таш коңулдарга кирип кеткенин да баамдабай калды. Үстүндөгү шинели сыгып алма суу болуп өтүгүнөн суу өтүп кетти. Атын кырга тушап коюп койлорун чогултмак болуп, коргологон койлорду түш оой чогултту да, кайра айдап короого жакындатып карап турду. Жаныбарлар жаанда алар деле оттогусу келбей бири-бирине ыктай корголошуп турганда чогултуп айдап короого киргизди. Өзү малма-чөлмө суу болуп кирип келген күйөөсүн мешке кой көңдөн жагып отурган Жамалкан олурая карап койду:

- Кийимиңди алмаштыр, сыгып алма болгуча жүрбөй баса бербейт белең, совхозго жалгыз эле сен киреше киргизип жатсаң да.

- Ачка болуп калбасын дебедимби, козуларга чөп салдыңбы?

- Ооба.

- Антпесең болбойт, козулар бу жаанда кайыгып өлчүдөй.

- Эми энесине салалыбы?

- Кое тур, бир аздан кийин, силкинип алсын, алар деле суу болду.

- Койдун баары тууп бүтө элек, дагы он кой бур ээ?

- Ооба, ондон ашык төлдөйт, буйруса көбү эгиз төлдөйт го?

- Карыбек, ушу быйыл беш козуну кем айткын уктуңбу?

- Эмнеге?

- Эмнеге деп коет, андан совхоз кемип кетпейт, же койдун ичиндегисин учетко алып койду беле? - Жамалкан аны акшыя карады, - Ак жүрөктүгүңдөн бирдеме таап жатасыңбы, ударник деп көтөрө мактап койсо ичкен ашыңды таштайсың, кана ударник кылып сага бергени тигил ударник болгон койчуга он-он беш койду сыйлыкка бериптир го, өз короосунан бөлдүрүп.

- Жамыш, шашылбасаң баары болот да, мага акчалай сыйлык берип жатпайбы?


- Элүү сом, жүз сом сыйлык аласың, ал кант-чайдан чыкпайт. Назираны кокус бирөө ала качып кетсе, директоруңдан карызга сурайсыңбы?

- Көрөбүз да, кудай жакшылыгынан берсе бүтүп кетет.

- Ушу сенин кайдыгерлигиң…

Жамалкан тултуңдай дасторкон жайып, мештин үстүндөгү кайнап жаткан тамагын алып келди. Балдары биринен сала, бири кужулдап түртүшүп, Карыбектин жанына талашып:

- Мен отурам, атамдын жанына.

- Ики мен отурам, нары отурчу.

- Мен отурам, - дешип жатканда Жамалкан урушуп кое берди.

- Тынч отура албайсыңарбы ыя, заманга жараша булардын башкача болуп калганын кантейин, биз илгери дегеле чукулдашпай эле чоңойдук эле сегиз бир тууган.

- Койсоңчу Жамыш, бала да, сен экөөбүзгө эркелебегенде кимге эркелешет? - деп Карыбек кичүүсүн алдына алып, эки чоңураагын эки жагына отургузду. - Апаңардын ачуусу келсе мени да урганы турат, тынч отуруп тамагыңарды ичкиле.

- Ооба мени жалаңкычыңардай эле көргүлө, - деп табакка толтура эттүү тамакты ортого койду, шорподон куюп алды - алдына жылдырды да, - төкпөй ичкиле! - деп өзү жайланып отуруп тамактан алып кирди.

Бул чакан үйбүлө жайдыр-кыштыр бир короо мал менен сарайда жашашат. Жайында жайлоого өкмөттүн домигин артынып же машина менен көчүп алып, мал менен алек. Жамалкан кара көз, кара каш сулуу аял. Карыбек аскерден жаңы келгенде бири-бирин жактырып калып ала качып алган. Анда Карыбектин апасы бар болчу. Эки жыл мурун каза болуп калып балдары менен аябай кыйналышты. Бир иниси бар, ал дагы үйбүлөлүү, мектепте совхоз болуп иштейт, аялы бекерчи. Алыбек дагы жоош момун, аялы Венера тилинен заар төгүлгөн неме. Ушакчылыгын айт, бир сөздү миң сөз кылып жеткире турган даражадагы жаагы жок аял. Үч баласы бар. Жамалканга зоотехник Кубандык көз салып, сөз айтып канча аракет кылган менен жете албай жүрдү. Бир күнү жеңил машина менен Жамалкандын классташ кызы Зуура менен Гүланда келип калды. алар деле үйбүлөлүү, бала бакыралуу, Жамалкан менен мамилелери да абдан жакшы. Карыбек оюн-шоокко такыр жок. Коюн кайтарып кеткен.

- Ай-ий ай Жамыш, баглан козу жеп келели деп эле келип калдык, күйөөң бизди каалабагандай басып кеткени эмнеси? - деп Зуура шакылдап күлүп калды.

- Балдар жаш, койду кайтарбаса ит-куш жеп кетет, мен турбайынбы, өзүм коноктойм силерди, - деп Жамалкан аларга тамак алып, дасторконун жайды.

- Ай Жамыш, жашоо кандай анан, бир жума бою көз ачырбай жааган жамгырда жүдөгөн жоксуңарбы ыя? - деди Гүланда жай алып отургандан кийин.

- Жүдөгөндө кантебиз курдаш, өкмөттүн малы өлбөсүн деп өзүбүзгө деле карабай калдык, - Жамалкан күлүп калды. Бул эки келин тең совхоздо иштейт, бири бухгалтер, бири отделкадр болуп совхоздун мыкчегерлеринен. Оолжуй ооздорундагы алтын тиштерин көрсөтө шаңкылдап сүйлөп отурушту. Бул экөөнү зоотехник Кубандык жөнөткөн эле. Ал билмексен боло артынан келип калды. Өзү бир козу сала келиптир, күрпөң кара козуну, бир аздан кийин жанында кошо келген эки жигит арыдан бери сое салып казанга салышты. Көтөрө келгендерин ортого коюп, шарактап агынан жарыла күлүп, ырдай баштады. Тээ төрдө жүргөн Карыбек зоотехниктин машинасын дүрбү менен карап тааныды да коюн ылдыйлата айдап келип үйгө келди.

- Оо ударник кел, - деп Кубандык ага кош колун сунду, - Кандай мал, жан эсенби?

- Жакшы-жакшы келгиле, - деп баш ийкей калгандары менен учурашып, кайра сыртка чыкмак болгондо Зуура:

- Аяш, биздин келгенибизди жактырбай койду го, күндө келип жаттык беле, кабак-кашыңды ачып биз менен отурсаң эми, - деди ордунан туруп келип колтуктан ала, - Койлоруңдан коркпо, Кукем турат, керек болсо тирүүсүн өлдү деп чыгаша кылып коебуз!

- Койсоңчу Зуура, андай уурулукту жактырбайм, кокус жоголуп кетпесин, силер отура бергиле, - дегенде Кубандык ага:

- Карыбек, бир күн ачкадан өлбөйт, камап кой да биз менен отур, бу биздин кыздарды билесиң да, совхоздун бир жагын чоюп турган кыздар, эс алабыз деп келишиптир! - деди.

- Түш оогондо камабаса болбойт, ачка короодо турганын көрсө эмне болот? - Карыбек тарткынчыктай калды, - Жоопкерчилик болуш керек го?

- Кам санаба, биз турбайбызбы, бүгүнкү күндөн баштап, сенин оторуңа кой кошула баштайт, сыйкырлап коебуз, байкушум абдан ак жүрөксүң ай, сага кудай берет.

- Мейли эми, кошпой эле койгула, ак эмгегим менен эле жашайм, бүгүн силер менен отурайын атасынын көрү, - деп Карыбек дасторкон четине мандаш токуна отуруп калды.

- Сапаш, куй тигинден, Какемдин бир көңүлүн көтөрөлү, өкмөткө ак кызмат кылгандар чанда, бу Какем эт бетинен түшөт мал дегенде, мунун мээнетин биз акташыбыз керек, - деп Кубандык бакылдаганда Сапашы арактан чыныларга куюп узатып жатты. Курбулары менен бир аз ичкенге Жамалкандын жүзү албыра кызымтал болуп калган, ал чоңураак уулуна карап:

- Нурлан, сен барып койлорду имерип тур, анан тамак ичип алып атаң барганда келесиң, - деди эле шыпылдап чыйрак Нурлан кайра айттырбай жөнөй бергенде кичүү уулу Курман.

- Мен дагы барам, - деп кошо турду.

- Мына мындан алып алгыла, - деп Зуура менен Гүланда экөөнүн күрмөсүнүн чөнтөгүнө конфет, печеньелерден шыкап салып берди эле кудуңдай чыгып кетишти. Эң кичүүсү Осмон төрдө отурат, ал азыр кичирээктик кылат, бака-шака болуп ичип жаткандардын оозун карап, таңыркай улам оозун чулчуйта конфеттен салып алып бейкапар.

- Келгиле эмесе, үй ээлери Карыбек менен Жамалкандын денсоолугу, жалпыбыздын ишибиздин ийгилиги үчүн алып коелу! - деп тост айтып алып ийди Гүланда.

- Биз дагы кошулабыз.

- Айтканың келсин.

- Аман бололу ээ? - дешип алып ийип, жаңы эле куурулган боор куурдактан илип алып коюп отурушту.

Ошол күнү Карыбек аябай кызуу болуп жатып калды. Анан калса аракты ящиги менен алып келген экен, ондон ашык бөтөлкөнү ичишиптир. Жамалкан жакшы көтөрчү, ал койду короого киргизип, санабай эле камады да курбуларын жөнөтүп коюп, жатмак болду. Эңги-деңги болуп турса да балдарына төшөк салып жаткырып, Карыбекти чечинтип төшөгүнө эптеп сүйрөп жаткырды, ал эчтеке билбей жаткан. Анын жанына жаткан Жамалкандын эми көзү илинип баратканда аны кучактаган эркектин деми, шыбышы эндиретип салды. Эч нерсени баамдаганга кудурети да жетпей денесине тийген эркектин колдору назик сылаганда анын моюнуна колун артып алганын сезбей да калды. Быш-күш эткен дабышы заматта үй ичине толуп, бир аздан кийин иши бүтүп калса да сугалактана мойнунан өпкүлөп жатты. Жамалкан түш көрүп жаткандай, эндиреп жата берди, бир убакта:

- Жамыш, мен сени сүйүп калдым, жолугушуп жүрөлүчү, - деген чоочун эркектин үнү угулганда чоочуп тура калды.

- Сен… сен кимсиң?

- Чүш-ш, акырын Жамыш, мен Кубандыкмын.

- Кет азыр, сен менин мастыгымдан пайдаландың беле?! - Жамалкан ызалана үнүн секин чыгарып күңүрт бөлмөдө күйөөсүнүн эч нерсени сезбей уктап жатканына жини келип кетти, - Кет жогол азыр, Карыбекти шылдың кылгың келдиби, атайын мас кылдыңбы бизди, сыйың менен жогол!

- Жамыш мени уксаң, эгер тилимди алсаң корооңдо коюң, ичериңе ашың болуп берем, колумдан келгенин бүт жасайм, - деп Кубандык келинди бекем кучактап алып, өпкүлөп оозуна жабышты. Жамалкан бул таттуу өбүшүүгө магдырай түштү, жоошугансып аны түрткөнүн токтотту, ошондон пайдаланган шылуун жигит ага акырын шыбырады, - Эшикке чыгалычы.

- Азыр, - деген Жамалкан анын артынан кошо чыкты да, - Уятың жок экен, эбак кетпедиң беле, качан келип калдың? - деди үнүн пас чыгарып.

- Мен кеткен эмесмин, тигилерди жөнөтүп ийип кайра келгем, эртең айылга түш, мен сага каалаганыңды сатып берем.

- Жо-ок, күйөөм койго кетсе балдар жалгыз калат, эмнеге бармак элем, жумуш деле жок.

- Силерге жардамчы койчу берсек кантет?

- Аны Карыбек билет да.

- Мен ага сүйлөшөм, ушул жазгы төлдөн беш кой чыгарып берем, аны санакка кошпой өзүнчө баккыла, макулбу? - деп Кубандык келинди бекем кучактап, оозунан өөп кирди. Жамалканга бул жага түштү белем, анын мойнуна колун ороп алып көпкө турушту.

- Кой, Карыбек ойгонуп калбасын, мен кирейин, эптеп жүрүп максатыңа жеттиң, мындан аркысын дагы көрөөрбүз, кош жакшы бар! - деп андан жооп күтпөй эле ичкери кирип кетти.

- Жакшы тур, жаным! - деген Кубандык тээ бөксө жерге токтотуп койгон машинасына жетип көңүлдүү кыңылдай кетип жатты.

Жамалкан кирсе Карыбек оодарылып калган экен. Таң агарып бараткан, башын көтөрө:

- Жамыш, Жамыш дейм, - деди.

- Эмне-е? - Жамалкан уйкудан ойгонгондой ыңгыранды.

- Туруп жарыкты күйгүзчү башым сынып калыптыр, бирдекең бар беле, калды бекен карачы, көп ичпегенге башым ооруп жатат, - деп отуруп алды. Жамалкандын деле башы ооруп турган. Ыктыта туруп барып жарыкты күйгүздү, ичилген идиштер, тамактын калдыктары, табак толо эт, тактанын алдында төрт бөтөлкө арак турат. Жамалкан жарты бөтөлкөнү алып андан эки пиалага куюп, бышкан эттен алып келди.

- Кел баш жазып алалы, ушундан кийин экөөбүз тең ичкенди коелу, минтип ичсек алкаш болуп кетпейли, балдарыбыз жумурткадан жаңы чыккандай чөжүрөп жаш, - деп пиаланы колуна карматты эле, Карыбек колдору калчылдай алып ийип, бир тиштем эт алып, артынан сугунду, - Кайдан да келе калышты эле, эми аларды сүйбөй койсоң да болбойт, бүгүн болбосо эртең ишибиз түшөт.

- Кой Жамыш, аларга унчукпа, келсе тосуп ал жакшылап, ишибиз түшпөй анан алардын колунан баары келет, айткандарын орундатса, эмки жылы он козуну кайнатаныкына бактыралы ээ?

- Ооба, өздөрү берип жатканда ала беребиз да, кыз чоңоюп калды, ага сеп беришибиз керек, үйдү ремонт жасатыш керек.. .

Экөө аны-муну сүйлөшүп отуруп, жарты бөтөлкөнү түгөтүп койгонун билбей калышты. Таң аппак атып, күн чакчайып ачык, күндүн нуру тоо кыркаларына тийип, жердин бети жашыл ыраң, тоо бөксөлөрү, адырлардагы түркүн гүлдөрдүн аңкыган жыты адамды эрксиз эргиткен маал. Саал кызый түшкөн Карыбектин алдына кечээги кесмелүү оокатты ысытып алып келди.

- Аракты аябай алып келишкен экен, көңүл ачкылары келген го? - деп Карыбек ачылбаган бөтөлкө менен тоголонуп бош жаткан бөтөлкөлөрдү карап койду, - Иче албай калышкан го дейм?

- Ооба, бир козуну ала келишиптир, колунан келип турганда ичип жебей анан, үйбүлө десе үйбүлөсү бар, бала-чакалуу, аларга эмне жетпейт, - деп Жамалкан суктанып алды, - Келишкен үй-жайлары бар.

- Күйөөлөрүбү жанындагылар?

- Тааныштырган жок, балким күйөөлөрүдүр…

- Болбосо башканы ээрчитмек эмес. Кой мен койлорду жайытка чыгарайын, - деп Карыбек туруп жөнөдү, - Кечээ да жакшы оттобой калды.

- Балдар жайып жүрбөдүбү, кеч камадым.

- Мен эчтеке билбей жатып калып, уят эле болдум.

- Боло берет, сен күндө ичип жүрдүң беле?

Карыбек короодон койлорун санап чыгарып жатканда, Жамалкан ага нан менен тамак куюп барып баштыкты аттын ээр кашына илди.

- Түштө өзүм келем, буйруса кой толук экен.

- Биротоло кечинде кел да, баладан бетер үй айланып жүрө бербей. Баса жардамчы беребиз дейт, жакшы болоор беле дейм да?

- Берсе кана, бутту сунуп телевизор көрүп, эс алып жатып калат элем, радио да бузулуп кулак мурун кескендей болуп калдым, - деп атына минип, койлорун айдап жөнөдү.

Жамалкан анын артынан карап туруп: "Ак никелүү эримдин көзүнө чөп салдым. Капырай десең, Карыбек экен деп эле жата бергенимди кара, кызуулук менен таптакыр сезген эмес турбайынбы. Шумдук эркек экен, аялына таң ата барганда эмне деген шылтоо айтат болду экен", - деп ыңгырана үйдү көздөй басты…

Кубандык көп жылдан бери зоотехник болуп иштейт, эки баласы бар, бири кыз, бири уул. Экөө тең чоңоюп калышкан. Аялы Сейде оолжуган жоон сары аял, эки колунда экиден алтын шакек, оозунда төрт алтын тиш, мойнунда чынжыры да алтын. Ал Кубандыктын кеч келгенине көнүп бүткөн, ырас эле ал таап берип турса, анан ага эмне демек эле? Улуу кызын мединститутка окутуп койгон. Баласы мугалимдикте окуйт, экөө тең шаарда. Кааласа өзүнө жаккан келин-кыздарды чакырып үйүн жыйдырып алат, отун суусун даярдаганга ар дайым коңшусу жардам берип турат. Алар жетип-жетпей эптеп жашаган көп балалуу адамдар. Сейде ага кээде эт-сет, сүзмө май менен кошо тыйын-тыпыр берип жүз грамм жуткуруп коюп көп жумшайт. Сейденин көөнүнө олбурлуу эркек жакчу, аны азгыргандан коркчу, күйөөсү келип калып билип калчудай. Дал ошол түнү ал эртелеп, тамагын жасап алып, Абдини чакырып алды. Ага сервантты жылдырып кой деген шылтоону айтып үйүнө киргизип алып, сервантты кармашканга бирок өзү алы жетпей:

- Болуптур, эртең өзүң бир-эки бала ээрчите келчи, мен кармай албайт экенмин. Кел отур, канча келсең да нан-пан ооз тийип кайтасың, бүгүн тамак ичип кет, - деп жооп күтпөй эле даяр тамакты алып келди.

- Эже, мен колумду жууп албасам, сыртта жумуш кылып жатып баса бердим эле, - деген Абди колжуугучка колун жууп шыпылдай отуруп калды. Ал зоотехниктин үйүнөн майлуу эт жегенди элестетип башка ой жок эле.

- Кел Абди, муну ач, бүгүн экөөбүз бир кагыштырып коелу, канчадан бери коңшубуз, дегеле чайлаша албай жүрөбүз. Келинчегиң да башы оор келин, дегеле бир мамиле кылайын дебейт, - деп аракты колуна бергенде, шып этип ала коюп, ачты да, стакандарга куюп, бирин Сейденин алдына жылдырды.

- Кел эмесе ушу коңшулук ынтымагыбыз арта берсин, эже, - деген Абди стаканды көңтөрө алып ийип отуруп калды.

Алдыга келген семиз топоздун майлуу этинен алып жатып, Сейденин халатынын көкүрөгү саал ачылып калганын көрүп, көзүн тартып алды. Эткээл сары аялдын төшүндөгү эки эмчеги ап-пак болуп булайып ага бир башкача көрүндү. Дагы көз кырын салды эле этеги ачылып, ап-пак балтыры көрүнүп туруптур, же атайлап отуруп алганы белгисиз, тамагын кылк эттирип алды. Аңгыча Сейде дагы эки стаканга арак куюп, бирин ага, бирин өзү алды да:

- Эмесе Абди, ынтымак менен денсоолук үчүн алып коелу, сендей коңшуларым аман болсун, ара-чолодо мага дагы көп жардамың тиет, менин дагы пайдам тийип калаар, - деп көзүн кылгырта жылмайып койгондо, Абди:

- Тийбей анан эже, буйруса Кубан аке биерде иштеп турса, бири-бирибизге керекпиз, - деп алып ийип, башы айлана көзү тумандай түштү.

Сейде ага толо-толо куюп, өзү аздан алып отурду, бир аздан кийин бутун сунуп, жоон сандарын ачып койду.

- Алсаң тамактан, үйдө жалгыз болуп тамак ичкендей да болбойм, балдар шаарда, көп эле төрөп алсам болмок экен, бири кетсе, бири үйдө болмок, - Сейде кейип отурду.

- Өзүңүздү сактагансыз го ээ эже. Менин аялым байкуш алты баланы төрөп алып, эми эле саамайлары агара баштады, жетишпегендик да жаман экен, же менин иштеген ишим жок, ошол балдардын пособиесине карап отурабыз, - деп Абди Сейденин балтырларына көз жүгүртө дагы тамагын кылк эттире шилекейин жутуп алды. Канчалык карабайын десе да болбой эле көзү ага тигиле түшөт. Кызый баштаганда, - Мен кетейин эже, сизге рах-хмат, - деп ордунан турмак болуп баратып, үстөлдү тизеси менен коңторуп ала жаздап, - ккеч-чир-рип кой эж-же-е, м-мен м-мас болуп калдым, - деди да босогону көздөй жөнөп баратып, өзүн узатмак болгон Сейдеге жөлөнө жыгылып кете жаздады, ошондо андан бир башкача жыт уруп мурдун өрдөп кетти, мындай жыттуу атырдын жытын искеп көрмөк кайда, аялы атыр эмес балдарына жетиштире албай алек.

- Абди, бир аз эс алып анан кетсеңчи, өтө мас болуп калдың, - деп Сейде аны кучактап алды, - Үйүңө жете албайсың го?

- Кку-убан аке к-кел-лсе ур-руш-шпайбы анан?

- Эмнеге урушмак эле, коңшубуз үйдө жатса эчтеке болбойт, - деп Сейде аны төркү бөлмөгө алып кирди да диванга жаткырды.

Ошол убакта Абди аны шарт кучактап, өзүнө тартты да, басып калды. Сейдеге ушул эле керек болуп турган. Экөө көпкө чейин төшөктө уйпаланып жатты. Кумардан чыккан соң анан Абди шымын кийе жөнөдү, Сейде дагы халатын үстүнө салып, аны узатып чыкты:

- Мага жактыңыз эже, мындан ары келип турсам болобу? - деп Абди ага карап көз кысканда ал дагы кылыктана:

- Ой чечек, сен мас деле эмес турбайсыңбы? - деди күлө.

- Антпесем сиздин кызыгыңызга кайдан батам? - деп чыга жөнөдү Абди.

Сейде өзүнчө ырахаттана ийинден дем ала, ушу бүгүнкү күнгө ыраазы болгондой кайрылып кирди да көпкө жатты: "Карачы убакыттын тардыгын, эч кимден корунуп коркпой каалаганыңды жасасаң ээ чиркин. Мейли эми, өзүм каалап жүргөн жигитти бир көрдүм, алибеттүү чымыр денелүү, кармаганын кабыштырган Абди эми менин колумда", - деп ойлонду да суу жылытып алып, шапшына жуунуп, башка кийим кийди. Анан көчөгө чыкты, көптөн бери экономист жигиттин аялы менен мамилеси жакшы болчу, аны чакыртып жиберди Абдинин баласынан. Алишер үстүңкү көчөдө эле турчу. Алийма жоош момун келин, жарым сааттай убакыт өткөндө келип калды.

- Эже кандайсыз, жөн-жай эле чакырдыңызбы?

- Жөн эле, бир аз отуруп чай ичели дегем, өзүң билесиң да үйдө жалгыз зеригем, балдар шаарда, уулум үйлөнүп, неберелүү кылып койсо, эрмек болот беле? - Ал сүйлөп жатып, тамагын алып келди, бир бөтөлкө арак алып келди.

- Ий эже, мен ичпейм, - деп Алийма аракты көрүп эле чоочуп кетти, - Ичсем эле ооруп калам, Алишер дагы ичпейт, бизге деги арак жакпайт.

- Арак кимге жагат дейсиң, ошентсе да кээ-кээде алып коюп жүргөн жакшы, бир-эки куюмдан эчтеке болбойт. Жалгыз иче албай эрмектешели дегеним да, - деп арактан куюп анын алдына койду, - Эртең менин туулган күнүм, кырк бирге чыгам, буйруса анда да жолугабыз, Кубан келсе бүгүн союш ала келет, - деп болбой Алиймага стаканды карматты, - Ал эми алып кой!

- Эже-е, түшүнсөңүз мени, ооруп калам да.

- Бир жолу алып кой эми, канчадан бери таанышпыз, күйөөң менен менин күйөөм бирге иштешет, анда-мында жолугуп, ичип койгондон эчтеке болбойт, - деп жан-алы калбай шыкактап жатып алдырып ийди да өзү ичти: "Кубан келсе Алийма менен ичтим деп айтам", - деген ойдо болуп турду. Экөө көпкө сүйлөшүп отурушуп, кызып калды. Алийма аздан ичип, көңүл кыялбай кызып калганда ыйлап кирди.

- Эже, мен төрөбөй жүрбөйүнбү, ошону үчүн ичпей кудайдан тилек кылсам дедим эле, сегиз жыл болду үйлөнгөнүбүзгө, төрөй албай жүрөм, Алишерди кетип калабы деп корком.

- Жаман кишиче ыйлабачы, Алишер андай бала эмес, сени ал жакшы көргөнү үчүн алып жүрөт да, төрөп аласың бир күнү, эч кабатыр болбо, - деп Сейде аны сооротуп жатты.

- Билбейм эже, кетип калайын десем, ата-энем Алишерди да ая деп болбой койду.

- Сендей татынакай сулуу аялын ал дагы кетиргиси келбей жаткандыр, ортоңордо сүйүү болсо жашай бер, кеткенде эмне, - Сейде ага дагы куйду, эттен алып, аш жеп сүйлөшүп көпкө отурду. Ошенткен менен Алийма жакшы көтөрөт экен. Көпкө ыйлап, анан унчукпай калды. Күүгүмдө Сейде экөө колтукташып чыкты да, Алийма үйүнө жөнөдү, аны узата караган Сейде үйүнө кирип жатып алды. Ошол бойдон катуу уктап калган экен, таңга маал эшиктин алдына кирип токтогон Кубандыктын машинасынын үнүнөн ойгонуп эшикти ачты.

- Ушул убакка чейин эмне кылып жүрөсүң?

- Ойноп жүрөт дейсиңби, малчыларды кыдырып көрүп, ооруган малдарды дарылап жолдо жүрүп калдым.

- Кардың ачпы?

- Койчуларга барганда ачка келчи беле, алар каткандарын салып, тамагын даярдап карап турушат, - деп чечинип жатмак болду, аңгыча жерге жарык кирип калды, Кубандык көзүн жумган менен уктай албай жатты, көз алдына арыкчырай кара көз сулуу Жамалкандын элеси тартылып: "Бах чиркин, менин аялым болсо кана, Сейдени эми кетириш да кыйын, балдар да чоңоюп калды, кандай кылсам экен, партиядан чыгарышса да Жамалкандын жанымда болгону жакшы эле", - деп ойлонуп жатты. Сейде ошол бойдон туруп кийинди да, үстөл үстүн жыйнап, идиштерин жууп, чай коюп Кубандын жумушка кетишин күтүп калды. Ал жалаң гана жаш жигитти самап калган, Кубандын эмне кылып жүргөнү аны кызыктырбай калды: "Мындай жашоодон тажап деле бүткөндүр, жанагы шөлбүрөгөн аялы ошого ырахат тартууламак турсун, үтүрөйүп ал жок, бул жок, - деп мээсин коротот чыгаар, өз максатыма жетүү үчүн эмнеге тартынам, ээрчитип шаарга кетип калам", - деген ойго келди капысынан.

- Саат канча болду? - деп Кубандык туруп келди.

- Сегиз жарым.

- Оой, бүгүн чогулуш болмок эмес беле, бирдемең болсо бере сал, тезирээк кетейин, - деди отуруп жатып.

- Тамак даяр, - Сейде туруп ысыган тамагын алып келди - Үйдө жалгызмын, эртерээк келиш оюңда жок.

- Эми эмне кылам, жумуш ошондой, келин алып калсак, анан небере багып эрмек кылып мени да эстебей каласың, - деп шашып тамакты ичип жатты, - Сени жалгыз деп жумушумду бүтүрбөй баса бермек белем, партиялык тапшырма, ак иштеп, так жүрүүм керек байбиче, тиги Кенженин кыздарынан жаныңа алып албайсыңбы? - Балдызын айтты Кубандык.

- Ой алар болобу мага?

- Эмнеге болбойт, имерип алып кел да.

- Айтып көрөйүн, Кенже берген күндө да балдары болбойт го? - Сейде арсар унчукту.

Кубандык туруп кетти. Негедир кийинки күндөрү эрди-аялдын ортолору алыстап бара жаткан эле. Аны экөө тең билет, бирок ачыкка чыгуудан чоочулашат, келип эле уул-кызынан айбыгышат. Бири-бирине сезим болбосо да, балдары үчүн үйбүлө деген ыйык нерсени кармап тургулары келет. Арадан убакыттар билинбей өтө берди. Бир күнү аларга почтальон кат алып келип берди. Сейде окуп көрүп, каникулда келет деп күтүп жаткан кызы тойго чакырганына ичи тызылдап камына баштады, Кубандык келгенче даярдап коюуну чечти. Ошол күнү негедир Кубандык эрте келди, аны көрөөрү менен Сейде катты бере салды.

- Бул эмне, балдарданбы? - Кубандык конвертти окуп кирди.

- Окусаң.

- Кудай урбадыбы, Жази күйөөгө чыгып жаткан го? - Аялына ормое карады.

- Ооба, бойго жеткен кызды токтото алмак белек?

- Ой, мунуң министрдин баласына тийген го?

- Ошондой экен.

- Буйруса министрге куда болот экенбиз да? - деп Кубандык аялын кудуңдап караганда, Сейде:

- Аны кое тур, свадьбасына чакырыптыр, эмне алып барабыз? - деп көзүн алайтты.

- Эмне, такыр эчтекең жок беле, буйруган мал-сал турбайбы, жылкыны жүктөп алабыз, шаардан килем-килче, кийим-кечени алып барабыз.

- Жылкыны шаарга алып барбай эле, акчалай алып барганыбыз жакшы эмеспи. Жазинин жүзүн жер каратпай, кимдерди ээрчитиш керек, баарынан дагы уят кылбагыла деген тура, министрдин алдында уятка калбайлы.

- Туура, сен Кенжени күйөөсү менен чакыр. Менин агам жеңем экөө тең барат, болот го алты киши барсак?

- Болуптур, анда жылкынын акчасынан башка үч миң сом болот, күйөө балага көрүндүк дегендей, акемдер да алат да, - деп көпкө кеңешти. - Шашылыш керек, бүрсүгүнү той экен, эртең жөнөшүбүз керек.

Ошентип арыдан-бери даярданып, агасы Амандык менен жеңеси Сурма, Кенженин күйөөсү Алмаз болуп, эки машина менен жөнөп калышты.

Жазиранын күйөөсү министрдин эмес эле министрдин аппаратында иштеген Жапаркул Жанболотовичтин кенже уулу болуп чыкты. Күйөөсү дагы медициналык окуу жайда чогуу окуйт экен. Экөө той кийимин кийип алып, ата-энесин тосуп алышты. Той сонун өттү, адегенде жаштар менен бакыт үйүнө барып келгенден кийин ресторанда өттү. Кубандыктарга сөз келип, ал бир жылкынын акчасын, гарнитур, килем кылып кудасына сый чапан жапты. Куда-кудагыйлар абдан жөнөкөй, кичи пейил ак дил адамдар экен. Амандык өзүнчө берди кийит-кечесин, бир жылкысын акчасы менен. Кенже дагы куру келген эмес, бир килем, эки миң сом акча менен кийит-кече берди. Тойдун артында Жапаркул аларды үйүнө чакырды, өздөрүнчө коноктоп, анан кыргыздын салт-санаасы менен алдына калың деп, акча коюп жатып:

- Бул калың эмес, келинимди канча эмгек менен чоңойтуп, окутуп бизге келин кылып бергениңерге, - деди салабаттуу сүйлөп.

- Рахмат куда, кыскасы балдар бактылуу болсо болду, азыркы убакта калың берген да алган да өкмөткө туура келбейт экенин түшүнөбүз, ызаат-сый болсо баары жакшы болот, - деп Кубандык бакылдай сүйлөдү.

- Бири-бирибизге жөлөк болобуз буйруса. Биз эми бир туугандай жакын адамдарбыз.

- Ооба-ооба, - деп эки куда коштошоордо колдорун кыса кармап, анан кыз-күйөөсү менен учурашып жолго чыгышты. Амандыктын кубанганын айтпа, Кенже андан Жазиранын бактылуу болушун кайра-кайра айтып, жолдугата сүйлөшүп келе жатышты. Сейде гана ичинен сары-санаа болуп келе жатты: "Эми кайда бармак элем, ушулардын жашында кетпеген, эми күйөөгө тийгенде кеткеним туура эмес. Мен картайганда акылдан адаштым окшойт, ушунчамда эсимди жыйайын, уулумдун да үйлөнөөр кези жакындап калды", - деп көз алдынан Абдинин элеси кетпей баратты: "Мен аны сүйүп калсам керек, болбосо эмнеге аны унуталбай жатам, ал мени эстейт бекен, барып сүйлөшүп көрөйүн, эми сөзсүз анын пайдасы тийет, кызымдын тоюн берем, ошондо ага ачык сүйлөшүшүм керек", - деп ойлонуп баратканда Кенже:

- Эже, эмнеге ойлонуп калдыңыз, жакпай калдыбы той? - деп күлүп калды.

- Жо-ок, эмнеге жакпасын, күйөө бала кызыма жакса болду да, бактылуу болсун, эми уулумду үйлөнтүүнү ойлонуп баратам.

- Эрмек дагы бир чоңдун кызын алып келип калса, жездем экөөңөр чалкалап эле каласыңар го?

- Кудай кут кылсынчы…

- Уулум азамат, буйруса ал дагы жөн жүрбөй эмдигиче тапты го бир кызды, үйлөнөм десе даярбыз ээ, байбиче? - Кубандык аялын карады.

- Ооба дечи, ылайыктуу болсо эле болду, өзүнө карамдуу кыз болсо бизде эмне кеп? - деп Сейде ойлонуп калды.

Узак жолду басып келе жатып, жолдон тамак ичишти, Кубандык ага-жеңесине, балдызы менен бажасын сыйлап, ичимдиктерден алып көпкө отурушту.

- Иним, Жазира дүйнөдөгү эң бактылуу кыздардан болсун, ылайым ата-энесин, жерге-жээгин сыйлаган кыз-күйөө болуп, бала-чакасы көбөйүп, өздөрүнчө шаарга айлансын, - деп Амандык бакылдады.

- Бактылуу болсун, кимдин кызы эле чоңдун баласына чыгып жатыптыр, өбүрө-чөбүрөлүү болуп сиздер дагы бактылуу карылыкта өмүр сүргүлө, - деди бажасы Алмаз.

- Айтканыңар келсин, - Сейде салкын айтты муну.

- Ботом эмеле келет ал, эмки жылы Жазинин бешик тоюнда да чогуу болобуз аманчылык болсо, - деп Сурма шыпшынды.

- Кудаа кааласа, ошол жакшылыктарда чогуу эл аман, биз да аман бололу, - деп Кубандык сүйүнүчүн жашыра албай турду.

Жолго чыгышканда баары ортодон жогору кызуу эле, рулда отургандыктан Кубандык гана ичкен эмес. Үйгө келгенден кийин өз кийиттерин бөлүп алышып, кетмек болгондо кеч болуп калган, Сейде аларды кетирбей койду.

- Ит куугансыбай жатып эле алгыла, кыздын тоюнун алдын ооз тийгиле, - деп тамак асып, стол үстүн толтуруп, жайнатып койду. Кубандык сыртка чыгып барып, дүкөндөн үч бөтөлкө коньяк алып келди, аны көргөн Кенже.

- Жезде, эмне мынча алып келдиңиз, бирөө деле жетпейт беле? - деди күлүп.

- Кызымдын тоюнун алдын силерге бербегенде кимге берем, биздин силерден башка тууганыбыз жок, Сейде эки кыз бир тууган, мен эки эркек бир тууган экенбиз, ашыкча туугандын болгону деле жакшы экен чынында, ушундайда туугандын аздыгы билинип калат экен.

- Ушуга да шүгүр, жалгыз болбой экөөбүзгө тең бирден бир тууган берип койгонго, андан көрө бала-чакабыздан жакшылыкты күтөлү иним, ата-энеден да эрте айрылдык, эми балдарыбызга тирөө болуп жүрө берели, - Амандык инисин жайгара сүйлөдү.

- Ооба десең, көп бир тууган болуп, ыркы жок болгуча ынтымагыбыз жакшы биздин, аманчылык болсо, биз дагы кыз берип, келин алсак сыйыбыз дагы толтура, - деп Кенже чыкты бир жактан. Коньяктан алып коюп, кобурашып жатышты. Чынында бир туугандар ынтымактуу эле. Тамагы бышып, алып келип кайнагасына улуу жиликти, андан кечирээгин Сурмага, Кенже менен Алмазга беришти, ысык үймөлөнгөн плов келди. Түнү бою отуруп бир туугандар кеңешип-таңашып жатты. Жазиранын тоюн эки күндөн кийин өткөрмөк болушту.

Кубандык көп ичип койгонго башы ооруп калган экен, аны директор чакыртып ийиптир, айла жок эптеп кийинди да канторго барып директорго кирди.

- Ас-сало-ому ал-лейкум аксакал!

- Кел саламат-саламат, иш кандай Бектуров, тойго барып келдиңби?

- Баары жакшы аксакал, барып келдик, эртең буйруса тойго барыңыз, кызымдын тоюн бергени жатам, - Кубандык жылмая отуруп калды.

- Аз-замат, барбай анан барабыз да, сен баягыларды эмне кылдың эле, Төрөбайга дайындадың беле?

- Дайындабай анан, баарын ойдогудай бүтүргөм аксакал, кам санабаңыз.

- Азамат, азамат, сага ишенгем да, башкаларга ишенбей, дайындаганымды бүтүрө берсең болду, баары канчага жетти?

- Үч жүздөй болуп калды.

- Анда аларды жок кылыш керек, четинен сатып акчага айлантканды өзүң колго ал да, чогуу алып келип, колго сал. Эмки жумага текшерүү келет, так чыккандай болсун, өлүм-житимди такта, келээрки жайда буйруса жумуштан кетем, - деп көзүн тик кыла Кубандыкты карап калды. Эмне дээр экен дегендей таризде эле, анын көз карашы.

- Эмнеге аксакал? - Кубандык чоочулай сурап жиберди.

- Коркпо, дале болсо өзүңдү колдоп тура турган орунга барам, райондун катчылыгында орун бошогону жатыптыр.

- Ээ аксакал, ошондой деңизчи, коркуп кеткенимчи, мен кантем деп, - Кубандык оңдоно отурду, - Сизге көнүп калыптырмын.

- Мен дагы сени оң колум деп билемин да, орун басарыма ишенбей, сага таянып жатпайынбы? - деп сырдуу жылмайып койду, - Эми бара бер, бүгүн эс ал, эртең той берсең дагы чарчайсың.

- Рахмат аксакал, - деген Кубандык кудуңдай кабинеттен чыгып үйүнө келди да, - Байбиче, мага бир ыс-сык шорпо бербесең болбой калды, анан бирдемең болсо алып кел! - деди.

- Шашпа, тамак бышып жатат, директоруң эмнеге чакырыптыр, жумушуңа кетпедиң беле?

- Бүгүн-эртең эс ал деди, насторениясы нормально экен, эртеңки тойго иштешкендерди кечкиге чакыралы ээ, байбиче?

- Өзүң бил.

- Сейде.

- Ийи?

- Буйруса колго бир топ жандык тийгени турат, кайда катсак экен, ыя?

- Канча бар?

- Элүүдөй койду көптөн бери кытып жүрдүм эле, ошону бир жакка жоготуш керек, такыр болбосо карала койго алмаштырыш керек, тезинен бир жолун таппасак болбойт, - деп ойлонуп калды: "Директор мүлдө бир короо койду уурдап жатканда, элүү кой эмне болуп калыптыр, эптеп эбин табышым керек, Жамышка айтканыма туруп, беш койду бөлдүрүп берип койсом, калганынын эсебин өзүм табам", - деп ойлонуп жатты.

- Алмазды өзүнчө жайлоого чыгарып койбойлубу, ал күзгө чейин ак койду кара кылып кыргыз койлорго алмашып койсун.

- Айтканың туура байбиче, тездетели анда, - деп алаканын жанып алды, - Буйруса иш оңунан чыкса жарымын сатып ийишибиз керек, акысына беш кой алсын бажа, иги-жигин билгизбей калса иштин бүткөнү, - деди.

- Оюң менен байыбай тамагыңды ич, кокус билинип калса, кулагыңды уучтаган бойдон кетип жүрбө, анча койду Алмаз айдап барса да, эл кеп кылып жүрбөсүн, андан көрө аз-аздан кара койго алмаштыралы, анан ал бага берет, - деди Сейде. Экөө көпкө чейин кобурашып отурганда, коңшусу Перизат менен Алийма келип калды. Аларга күйөө баласын жууп берип дагы ичип жатканда, - Эртең келип жардам берип койгула, эртерээк боорсок жасаш керек, - деди.

- Жардам бербегенде анан, сизге кантип келбей коебуз, кыздын тоюн өзүбүз өткөрөбүз.

- Мен дагы келем эже, коңшу-колоңдун ушундайда бири-бирине жардам бербегени болобу? - деп Перизат дагы жаркылдай карады.

- Рахмат келиндер, буйруса эртерээк баштайлы, эт бышкыча эле боорсок даяр болуп калат, - деп Сейде ыраазы боло узатты.

Кубандыктын үйүндө кыжы-кужу болуп туугандары, достору жүрүштү, эртеден кечке кой союлуп, боорсок бышып азан-казан, Кубандык достору менен бир четте улам бирден жутуп коюп, баш көз болуп коюшат. Эт бышыргандар менен боорсок бышыргандар өзүнчө шарактап, тойдун шааниси күчөп жатты. Зоотехникке атайын кошоматтанып жардам бергени келгендер өзүнчө. Мындайдан пайдаланып Абди да ошол жерде отун жарып, суусун ташып жүрөт. Аны көргөн Сейде чакырып алып арактан куюп берип койду.

- Аялың үйдө болсо келип кетсин, ботом өзү деле келип элге окшоп, кирип-чыгып жардам берсе боло?

- Эми эже, ал абдан тартынчаак, айттым мен деле, болбой койду.

- Мейли, тойго куш канатын салыптыр дегендей келсин ээ? - деп коюп кайра кирип кетти.

- Ай Абди, бизге караганда жакын коңшусуңар го, эмнеге аялың көрүнбөйт? - деди Перизат ага тийише, - же Заринаны эч кимге көрсөтпөй багып жатасыңбы?

- Ооба, күнгө чыгаргым келбейт да? - деп Абди күлүп коюп, өз ишине киришти, - Колуна мындай жумушту кармаса болбойт да.

- Ай-ий ай, эркектин баары сендей болсо, аялын ак кол кылып баккан, - деп Перизатка кудай берип калды.

Ал билет алардын жашоосун. Ошондуктан аны тамашалап жаткан эле. Абди андан кийин унчукпай калды. Зарина тайкелеринин колунда өскөн кыз, ата-энеси жок, эки жакка кийээр кийими да жок, балдарына өнтөлөп эптеп күн көрүп тагдырына нааразы болуп кетчү.

Тойду өткөрүп келгендерге кыздын жеңетайы деп беш сомдон таратты, жакындарына жыйырма, элүү сомдон берди. Эң аз айлык жетимиш сом болгондуктан аябай ыраазы болуп, ак баталарын берип тарашты. Сейде ого бетер кериле мактанып келгендердин оозун ачырып жатты. Аны угуп тамшанып кээси ишенбей да кетишти. Ошентип тойдун артынан дагы өздөрүнчө отурганда дирекциянын аппаратындагылар келип калды, алар эки сааттай отуруп, ичип-жеп кетишти. Сейде чарчадым деп кыңкая кетти.

- Ээ байбиче, эми уулубуз үйлөнсө көңүлүбүз тынып калат, - деп кызуу Кубандык анын башына башташа жатып калды.

- Аман болсо ал да болот, - Сейде унчукпай жатып ойлонуп: "Мен деле адаммын го, өз каалоомду аткаралбасам жашаганым кайсы? Кубандык деле сүйбөй баш кошуп жаштыгым менен билбей жашап калдым эле, эми өзүм каалаган адамга жакын туруп жете албасам, же баарына кайыл болуп кете берсемби", - деп ойлонуп жатты.

Эки күн эс алып Кубандык жумушка чыкты. Ошол эле күнү, ал Карыбектин короосуна барып, ага өзүнчө сүйлөшүп, бат эле кайра кетти, Жамалкан таңгалып калды. Кечинде он койду алып жетип келди. Ар бир койчуларга беш-ондон бөлүп берип, кара кой кылып коюусун өтүндү. Ар бирине өз убадаларын берди. Эми Жусупжан Акматалиевичтин дайындаганын аткарыш милдети калды. Аны түндөп, эки машинага салып жүз койду бир пулдады, эмне кылып кайда алып барганы белгисиз, кыскасы боо-боо акчаны түндөп, кийинки түнү үйүнө алпарып берди да Жусупжан Акматалиевичтен дагы олжо алды. Экөөнүн бир короо койду курутканы, кумга сиңген суудай билинбей баратканда, дагы калганын өткөрдү. Ошентип иги-жигин билгизбей жайлап жатышты. Жусупжан Акматалиевич беш-алты жылдан бери бул совхозду башкарып, жылып кетмек болуп жаткан эле. Жандалбастап өкмөттөн ичип-жеп көнө баштаган Кубандык антип жүргөндө, Сейде Абдини койнуна алып жатып, ага тамактын таттуусун, эттин чүйгүнүн берип, өзүнчө бактылуу.

- Сейде, мен сени күндөн-күнгө жакшы көрүп баратам, - деди Абди бир күнү анын койнунда жатып, - Сенсиз жашай албагандай болуп калдым.

- Эси жогум десе, андай болбосун жакшы билесиң да, экөөбүздө тең үйбүлө бар, аларды кантебиз? - Кытмыр жылмайды Сейде, ошол эле учурда өкүнүү да турган көмөкөйүндө.

- Эмне кылам анан, такыр эле Заринаны карагым келбей калды.

- Кой антпе, балдарың турбайбы, экөөбүздүн сырыбыз ачылып калса, шерменде болобуз, - деди Сейде анын мойнунан кучактай, - биздин ортобузда мындай мамиле болбош керек эле, эми тез арада токтотушубуз керек, жакында уулум келет, ал бизге кеңеше турган жумушум бар деп кат жазыптыр, кебетеси үйлөнөм дейт го?

- Мен кантем анан?

- Сен эмне кылат элең, бала-чакаң, аялың, үстүңдө үй жайың турат, жашай бересиң, - деп Сейде күлүп койду акырын.

Булар чоң үйдүн босогосундагы чакан бөлмөдө жатышкан. Сейде ички бөлмөгө билгизбей төшөк салып коет да, бул бөлмөдө Абди экөө жатып жүрүштү. Үчүнчү күнү дарбазанын жанына машина келип токтогондо эле Абди кийине калып, качканга даяр турду. Кубандык антип-минтип машинесин ичкери киргизип, үйгө кирээри менен Абди чыга качты. Сейде анын чыгып кетишинен да чоочулап жатып, билинбей калгандан кийин эс ала түштү.

- Эрмек кат жазыптыр, - деди Сейде күйөөсүнүн алдына тамак коюп жатып.

- Эмне дептир?

- Келем, сүйлөшчү сөз бар дептир.

- Оо, анда ал үйлөнөм дейт го?

- Мен дагы ошондой ойлодум.

- Мейли, үйлөнсө үйлөнсүн, мына бул акчаны катып кой, - деп бир боо акчаны берди эле аны алган Сейде:

- Бу кайдагы акча, айлыгың эки жүз элүү эле сом го? - деди.

- Ала берсеңчи, - деп койду Кубандык.

- Этиет бол десе эле болбой койдуң.

- Эмнеден коркуп жатасың, эч кам санаба, эки миң эле сомдон бирдеме чыкмак беле? - деп эрди-аял бири-биринин сөзүнө макул болбой талашып-тартышып жатты да, уктамак болуп төшөккө кирди.

Сейде ойлонуп кирпик какпай жата берди. Убакыттын өтүшү анын өмүрүн, жаштыгын уурдап, кайдадыр туңгуюкка сиңип бараткандай, ичтен өкүнүп да жатты. Жанараак эле Абдинин айткан сөздөрү анын эсинен кетпей туруп алды. Бирок алдыда дагы кандай күндөр бар, ал үчүн табышмак. Бир миң тогуз жүз сексен жетинчи жыл. Өлкөдө баш аламандык башталып калган. Кубандык приватташтыруудан да четте калбады. Жаңы салынган келишкен сарайды өзүнчө чоттоп, тополоң учурдан пайдаланып, документ даярдап жүгүрүп жүрдү. Эрмек келем дегени менен келбеди, кийин телеграмма жөнөтүптүр: "Ата, апа, келин алып баратам, тосуп алгыла, Эрмек", - деп кыскача жазыптыр. Кубандык менен Сейде бүлүнүп эле калды, үй жайын ирээтке келтирип, союштарын даярдап, даяр турушкан. Кечке маал эки машина жаштар менен жетип келишти. Назира ыйлап алган, бирок Эрмек экөө сүйлөшүп жүргөн эле.

- Ой чыккыла, келин келди.

- Келип калышты, болбойсуңарбы ай! - дешип бири-бирин чакырып, дүрбөп калышканда, Назираны колдон ала Эрмек өзү түшкөндө Сейде кызды көрүп, ичи жылып эле калган.

- Сейде, келе жоолукту, сен чачыла чач! - деди Сурма абысыны. Үлпөт көйнөгүн кийинип алган кыз баарына жагып турду, бирок бир аздан кийин эмне болуп кетээрин, эч кимиси сезбеди. Чачыла чачып, аялдар колтуктай ичкери киргизип көшөгөгө отургузуп, Сурма жоолук салды.

- Ак жолтой келин бол кызым, алганың менен тең кары, бактылуу болгула айланайындар!

- Бактылуу болушсун, Сейде бактылуу аял экенсиң. Айчүрөктөй келиндүү болдуң, кут болсун!

- Айтканыңар келсин, ылайым силердин оозуңарда болсо, алланын кулагына жетсин, - деп чоюла келинин бетинен өөп, өзү дагы сыймыктанып турду.

Кубандык сырттан баласы менен учурашып, кудалары кайдан экенин сураштыра келгенде бакылдап кирди:

- Азыр жеткирип кел, ушунчадан бир койчунун кызын таптыңбы, шаарда кыз жок бекен ушунчалык?!

- Ата эмне болуп кетти, койчу киши эмес бекен? Мен Назираны сүйөм, аны кетир десеңер, мен да кетем!

- Ат-та-аңдын оозун урайын акмак, мага көрүнбөй жогол азыр!

Эрмек үйгө кирди да, ай-буйга келбей эле Назираны колдон алды, - Бас кеттик, бул үйдө экөөбүзгө орун жок! - деп жөнөгөндө тегерегинде отурган аялдар эчтеке дей албай, делдейе туруп калды. Сурмакан гана:

- Эрмек, сага эмне болду балам, кайда барасыңар? - деди.

- Кетебиз чоң апа, атама Назира жакпай калды! - деп эшикке чыга бергенде, Сейде дагы уулун карап:

- Бир кыз деп, ата-энеңди кечип кетесиңби, бала? - деди Назираны жекире көзүн алайтып, ал Кубандыктан угуп алып жини келип турган, - Өзүбүзгө теңдүүлөрдөн кыз чыгат эле го?

- Ошол тең кызыңарды өзүңөр алып алгыла! - деп Эрмек келинчегин машинага отургузуп жатканда Назира.

- Сен мени шылдың кылганы алып келген экенсиң да, эртең эле айыл бүт укса ата-энеме уят, намыс болот го? - деп ыйлап жатты.

Аңгыча Амандык Кубандыкты урушуп, тилдеп:

- Балаңды жогото албай жатасыңбы, Карыбек жаман адамбы? Жоош момундугу бар, алдым жуттумдугу жок жакшы адам. Баланы антип уят кылба, шаардан он чакты жаштар келиптир, ошолордун алдында сындырба! - деди да аялы менен кошо жарданып турган аялдарга карады, - Киргизгиле келинди, эмне турасыңар жарданып, түшүнбөстүк болуп кетти, анын эмнеси бар?

- Мен эми Назираны киргизбейм, өзүм да кирбейм! - Эрмек машинанын рулун дарбазанын оозуна карай буруп, айдап жөнөмөк болгондо, Амандык жетип алдына тура калды.

- Мени тебелеп өтүп кетсең кете бер, уулум.

- Чоң ата, атамдын айтканын уктуңузбу?

- Атаң да жаңылды, балдарды ата-эне кечирет, бала неге кечирбейт экен? - деп дарбазаны жаап өзү туруп алды.

Шаардан келген кыздар-балдар эмне кылышты билбей тура беришти. Көптөн кийин Сурма келин Назираны колунан алып өзүнө тартты да, үйгө жетелеп алып кирип кетти, Кубандык менен Сейде унчуга албай туруп калышты. Бир аздан кийин конокторду ичкери киргизишип, айла жок эчки сойдурду Кубандык: "Эми эмне болот, Жамалкан экөөбүз кантип куда-кудагый болобуз? Иттин баласы десе, чоң шаардан ушуну таап алганын", - деп алапайын таппай жатты.

Эртеси Карыбектин алдына Амандык менен Алмаз экөө ачуу басарга барышты. Адеп укканда Жамалкан жаман абалда калды, уккан кулагына ишенбей кайталап да сурап алды. Карыбек болсо кубанып кулдук урган адамдарды тааныгандыктан жакшы кабыл алды.

- Кулдугубуз бар Карыбек, кызыңар бизге келин болду, - Амандык колун бооруна ала салтты жасады.

- Кулдугубуз бар, куда! - деп Алмаз анын артынан колун бооруна ала ийиле салам айтты.

- Кулдугуңуздар кудайга, киргиле кудалар, кириңиздер үйгө, - деп Жамалканды караса ал нес болуп карап туруптур, - Ой сага эмне болду? Назираны алып келишиптир, үйгө кир десең боло, - дегенде уйкудан жаңы ойгонгондой селт эте:

- Качан, ким ала качыптыр, ал жаш эмес беле? - деди үнү дирилдей.

- Эми-и айланайын келин бала, бойго жеткен кызды жигит жактырса ала качат тура, экөө сүйлөшүп жүргөн имиш, - деди Амандык токтоо, - Азыркы жаштар өзүн-өзү билип калбадыбы, каалаганын кылат экен, бүгүн кечинде алып келди.

- Жо-ок, кызыма жолукмайынча ишенбейм, ал мага бир ооз айтмак, алып келгениңерди кайра алып кеткиле, мен кызымды азыр күйөөгө бербейм! - деп Жамалкан айтканда Карыбек аны тыйып жатты.

Ал эми көчөдө келин келген жерден Кубандыктын теңсинбей айтканын узун кулак бирөөсү дароо Алыбекке жеткирип барды эле, ал жинденип, жетип келип чуу көтөрдү.

- Чыгаргыла Назираны, силерге басынтып койчу мен эмес, алып алгыла ошол чоңдун кызын, чыгаргыла дейм, кана каякта? - деп жолун тоскондорду түртүп, ичкери кирип бөлмөлөрдү карап баратып, аялдар отурган бөлмөгө баш бакты, - Кана менин карындашым? Азыр алып кетем, силердин мынабу үйүңөргө отургузбаймын мен тирүү турганда! - деп бакырганда Кубандык ары кирип кетти.

Амандык менен Сурма, дагы бир мындайыраак тууганы ак сакалдуу Ботобек болуп Алыбектин алдын тосту:

- Кой айланайын куда, балдар өздөрү сүйлөшүп жүргөн экен, бизге келин болду, кызды келген жеринен козгогон болбойт, - деп Ботобек колтуктан алмак болгондо, ал кагып жиберди.

- Биз Кубандыкка тең эмеспиз, теңин таап алсын, совхозду он жылдан бери жеп келаткан, ага караганда менин агамдын тапкан ак мээнетинин кадыры өйдөрөөк, жок дегенде тынч уктайт, мен мындай өзүн көтөргөн адамга, карындашымды бербеймин!

- Капырай, ким жеткире койду, көчөнүн башындагы неме укмак эмес, ниети кара бирөө дароо жеткирген тура, - деп Сурма күйөөсүн карады, - Эми эмне кылабыз?

- Эчтеке болбойт, силер келинди төркү үйгө киргизип, кулпулап койгула, биз муну тынчытабыз, - деп Амандык аялын ичкери киргизип ийди да, - Алыбек, сен түшүнүктүү жигитсиң балам, кары кишиге минткен болбойт, кайсы бир көрө албастар бирдеме деген көрүнөт, кой балам жаштарга тоскоолдук кылбайлы, бактылуу болсун, - деди анын жанына келип.

- Жо-ок аке, мен биерге карындашымды койбойм, эмитен теңине алгысы келбеген немелер, анын мойнуна минип алып, жакшы күн көрсөтпөйт дагы, алып чыккыла, болбосо эшигиңерди бузуп, ачуум менен бир зыян кылып койбоюн.

- Эстүү жигит элең, чагымчылардын сөзүнө ишенип алган окшойсуң балам, бирөө көрүп айтса, бирөө көрө албай айтат, эч ким андай сөздү айткан жок, жай сүйлөшөлү.

- Мен эч ким менен сүйлөшпөйм, агамды басынткандар менен жоо гана болом! - деп туруп алды.

- Чыгарып колуна бергиле! - деп Амандык эшиктин туткасын кармаганда, ичкериден Назиранын үнү угулду:

- Аке, мен келген жеримден эч жакка кетпейм, Эрмек экөөбүз бири-бирибизден өлүп ажырабасак, тирүү ажырабайбыз, мени кечир, аке, - деп ыйлаган үнү угулганда, Алыбек делдейе бир паска туруп калды да, шарт артына кайрылып, токто деп алдын тоскондорго карабай, жулкунуп дарбазадан чыгып кетти.

Эч кимиси үн дей албай кала беришти, улактын эти казанда кайнап жаткан Кубандык күнөөлүүдөй үңкүйүп отура берди, ал чынында Карыбектин бар-жогуна эмес, Жамалкан экөөнүн мамилесинен улам уялып турду: "Кайсы бетим менен кудагый деп айтам эми? Ал дагы менден кем болбосо керек, жинди болуп кете жаздагандыр, кудай ургур десе, анан калса Жамалкандын өзүнө окшоп татынакай экен, балаң кургур аны сүйүп калганын", - деп башын катып кудайынын эти желип, жаштар өздөрүнчө, коңшу-колоң менен тууган-уруктары өзүнчө, бөлмөдө шарактап отурганда, Амандык инисин сыртка алып чыгып:

- Карыбектин аялы дагы кабыл албай кыйнады, дагы Карыбек момун адам да, аялын тыйып койду, болбосо алпаргандарыбызды жүктөнүп, кайра келмекпиз, - деди. - Адамдын душманы адам. Көрдүңбү сен айткан сөз заматта айылдын башындагы Алыбекке жеткенин.

- Кимиси жеткирди экен?

- Ким билет?

- Ой билсем көрсөтөт элем ошого.

- Балаңды антип, бизге тең эместин кызын алдың дебе, ал дагы көңүлү калса каттабай жүрбөсүн, азыркы жаштардын түшүнүгү, кыял-жоругу такыр башка, алар деле тамак-аштуу кишилер, адамды басынткан болбойт, келиниң өңдүү-түстүү жакшынакай кыз экен, сен уул-кызыңды кандай өстүрсөң алар дагы алдей-бөпө менен багып, илгери үмүт менен окутуп жатат да.

- Болду аке, эми эчтеке дебейм, кайдан дагы оозумдан чыгып кетти эле билбей калдым, Алыбек аябай кекчил деп уктум эле, ал менин эшигимди эми аттабайт, - Кубандык жер карай үңкүйдү, - Ачуум менен эмне дегенимди байкабай калбадымбы?

- Адам эмеспи, таш-ташты эриткен аш дейт, анын го жарасы жеңил, эми Сейде келиним келинге көп ашыкча сүйлөбөй эле койсун, - деп акыл-насаат айтып, ээрчише үйгө киришти.

- Сейде эмне демек эле, жалгыз келин болсо…

- Ким билет, аның да жактырбай турат, - деди да үйдү көздөй ээрчише басышты.

Ага-ини ээрчише киргенде, тамак ичилип бүтүп калган экен, бата тиленип уул-келинди тургузуп бата беришти. Андан кийин түнү бою жаштар ырдап-бийлеп жатышты, аларга чай-тамак, суу ташып эки-үч келин жүрдү. Эртеси эртең менен Назиранын кайната кайнагаларына жүгүндүрдү. Андан кийин куугун келет деп даярдык көрүп жатышты. Түшкө жакын Алыбектин аялы менен Жамалкандын сиңдиси күйөөсү менен, мындайыраак агасы болуп келип калышты. Алар деле жигули менен келип түшпөй туруп, Венераны киргизди. Ал кирип эле келин отурган бөлмөнү ачып кирип, көшөгөдө отурган Назираны колунан алды.

- Ата-энеңе сөз келтирип, ушул жерге кантип отурасың, Кубандыктын айткан сөзү кечээ кечинде элге тараптыр, буларга жабышпай кеттик бас.

- Жеңе, дал ошол сөз үчүн да эч жакка кетпейм, ким тең, ким тең эмес далилдейм! - деп кыз ордунан жылбай койду, - өзүм жабышып келген жокмун, сүйүп ишенип келдим, түбөлүк ушул жерде жашап өтүү үчүн келдим, мен кайра кетүү үчүн келген жокмун! - дегенде Венера ага жылуу көз караш менен карап.

- Кызыке, катуу айтсам кечир, эгер сенин ордуңда болсом, мен дагы ушуну кылмакмын, бактылуу бол! - деп бетинен өөп бир, топко кучакташып туруп, анан дагы бир жолу, бактылуу болгула! - деп чыга жөнөдү, күтүп машинада отургандар ал бараары менен жүрүп кетмек болду эле, жарданган эл аны кетире койбоду:

- Кудалар кулдугубуз бар, кирип даам татып чыккыла эми, бир сөз чыгып кеткен экен, айып бизде, кечирим сурайбыз, эки жаштын бактысын кыркпайлы, ак батабызды чогуу берели, - деп Ботобек, Амандык баштаган улуу-кичүү аларды болбой түшүрүштү. Конок бөлмөгө киргизип, чай сунуп бакылдашып жатты. Сыртта кой союлуп, жаңылап боорсок бышып жатты. Куда тосуу менен алектенген Сейде ичинен кыжаалат болуп жатты: "Тостоюп тимеле сулуу тура, ошол өңү менен баламды арбап алгандыр, эми айла канча, жалгыз балама дурус жерден кыз алып берип мартабалуу жерден куда күтсөк болбойт беле, Жапаркул куда менен кантип бир дасторконго чакырабыз", - деп ойлонуп, кудаларынын үстүнө кирбей жүрө берди алаксып. Кубандык болсо, алар жайгашып отургандан кийин кирип:

- Кудалар, айып менден кетти, кечиргиле мүмкүн болсо, өзүм дагы уялып калдым. Назира келиним эмес кызым болот бүгүндөн баштап, айбымды тартайын Мен бүгүн бардык жагынан айыптуумун, кызды уурдап алганыбыз, түшүнбөстүктөн оозумдан бир сөз чыгып кетти, кечирим сурайм.

- Эчтеке эмес, кыз уурдаган тарап башынан айыпкер болот, ооздон чыккан сөздү кайтарып алганга болбойт, ал сөз жугуштуу орудай тез тарайт, - деди токтоо Салымбек карыя, - кыскасы кызыбыз менен күйөө бала бактылуу болсо болду.

- Ошол балдар үчүн болуп жатат да ушунун баары, болбосо кайдан чогулат элек? - деп жойпуланды Кубандык.

- Ооба десең, дагы Карыбек экөөңөрдүн багыңар бар экен, алыстан кыз албай, алыска кыз бербей минтип кашыңарда, - деп Сурма кирди, - Ботом сеп берсеңер дагы жакын, калың берсеңер да жакын, көрүшүп турасыңар.

- Ооба десең, кыз бала алыска кетсе, айда-жылда да келалбай калат экен го? - дешип бабырай кетишти. Алыбек өзү келбей койду, Кубандыктын сөзүн угуп, аябай капаланды: "Эмне, колунда жоктугу үчүн ал күнөөлүүбү? Он жылдан ашык убакыттан бери кой артында, чыгаша кылбай асырап келатат, жоош болгондо бирин-бирине кагыштырып таап кете албаса, арам оокатты каалабаса анан эмне кылат?", - деп ойлонуп кыжаалаттана үйүндө кала берген.

Кубандык кудаларынын алдына беш миң сом койду, кийим-кечеси өтө эле көпкө турду. Сурмага бир норка пальто, көлөч маасы, япон көйнөгү, дагы калганына бир сыйрадан кылып кешикке өзүнчө бир койдун этин бышырып, боорсок, кант-конфет кылып сыйлап жөнөттү, алардын ичинде ичкени жок экен, тынч кетишти. Ачуу басарга болсо, бир торпок үч миң сом берди. Майда-чүйдөсүнөн башка. Ошентип жалгыз баласы Эрмек да үйлөнүп, жарым жүгү келгиче эле Сейдеден кеп чыга баштады.

- Капырай, иш кылып көргөнсүңбү деги, ата-энең кой артынан жүрүп, эчтеке үйрөтө алган эмес экен! - деп келиндин жасаган иши ордунда болсо да, кынтык таап турчу болду.

- Апа, каеринен таптыңыз, ордунда эле болуп турбайбы?

- Ай келин, тилиң узун окшойт, ушундайыңдан баламдын башын айланта койдуң да, шаарда бүбү-бакшы менен лөлүлөр толуп жатат.

- Кылган ишимден кынтык издебей эле, жакпаганымды айтпайсызбы, эмне кылсаңыз да мен Эрмекти таштап кетпейм, - деген Назира ыйлап ичкери кирип кеткенде, кирип келатып баарын уккан Эрмек, унчукпай бөлмөсүнө кирип кетти. Сейде алар жаткан бөлмөнүн артына барып, терезеден тыңшап туруп калды.

- Менин кылган ишимди жактырбай ата-энеме асылат, мен кетем, сен ата-энеңе жаккан кызды алып ал! - деп Назира тултуңдап жатты.

- Койчу Назира, алардын айткан кызын акылымдан адашып турганда да, алмак эмесмин, сүйүктүүм менин, алтыным жаным, кой эми бир ачууңду мага берчи, - деп Эрмек аны сооротуп, көңүлүн таба

албай жатты. Ага болбой үйдөн чыкмак болду.

- Мен эмне сага жабышып, башыңды айлантып тиймек болдум беле, эмнеге түшүнбөйт, мага асылса да апаң, ата-энеме асылбасын!

- Болду эми, мен айтам, бара-бара көнүшүп кетесиңер, ошенткен менен апам, аябай ак көңүл бат эле жазылып кетет.

- Тажадым, сенин апаңдын сөзүнөн, көбүн сага айтпай эле коюп жүрөм го, же күндө эле айтып жатамбы? - Назира жаштуу көздөрүн Эрмекке кадады, - Сени сүйүп келген күнөөм үчүн апаңдан жазаланып жатам!

- Кечирчи Назира, аз күндөн кийин шаарга кетебиз да келбей коебуз, өзүбүзчө жашайбыз макулбу жаным, - Макул деп койчу, - деп уулунун жалдырап жатканына, эси оой терезе түбүндө турган Сейдени көргөн Кубандык чоочуп кетти.

- Ой, сен аерде эмне кылып турасың?

- Аа-а, жөн эле, тиги-и ары жактан келе жаткам…

- Балдардын бөлмөсүн тыңшагандан уялбайсыңбы, жаштар эмне деп сүйлөшөт деп, аңдыганың уят го, кантип дитиң барды, энеңди урайын акмак! - деп Кубандык ачуулана үйгө кирип кетти. Сейде өзүнчө уялып алды: "Ырас эле эмнеге аңдыдым, экөө урушабы билейин дебедимби курган жаным", - деп күнөөлүүдөй күйөөсүнүн артынан үйгө кирди, - Жинди болуп кеттиңби, балдарды аңдып? - Кубандык дале ачуусу тарабай отурган экен.

- Бирдеме ичесиңби, эмнеге машинаңды минбей келдиң?

- Машинанын жүрөгү ооруп калып, приступ берди, темир да ооруйт экен, - Кубандык жактырбай жооп берди, - Берсең бербейсиңби бирдекеңди.

- Болдучу, болоор болбоско ачуулана бербей, келиниң жасаган бытмыйган тамактан берем азыр, кой артынан жүрүп биротоло кой болуп калышкан го, кызына тамак жасаган биякта турсун, тарбия да бербептир.

- Бас жаагыңды, жаштардын али келечеги кайда! Өзүңдү ойлосоң, Жазирага сен эмнени үйрөттүң айтчы?

- Эми ошону мисал кылгың келип калдыбы? - Сейде атырыла карады. - Ал өтө эрте чоңоюп калды, өзү билип, өзү койчу эле…

- Эмне сенин кызыңдан башкалар эрке өспөйт бекен, ар ким өз алына жараша багат, тарбиялап өстүрөт, эркелетет, уктуңбу?

- Ме тамагыңды иччи, көп сүйлөй бербей, - Сейде муну менен талашкыча тим отурайын дедиби унчукпай калды.

Кубандык көптөн кийин:

- Сен ушундай тамак жасап көрдүң беле өзү? Бул жеңил суп жасаптыр, чөп-чарды кошкондо тамак кандай кушкер болуп калаарын да билбейсиң, - деп койду, алдындагы тамакты ичип жатып. .

Сейде үндөгөн жок, бир сөз сүйлөсө дагы күчөп кетчүдөй болгон күйөөсүнөн унчукпай кутулмак болду.

- Бир айдан ашты, берчүсүн качан алып келет экен кудаң? - деди анан кайра, көнгөн оозу тим турбай, - Эмдигиче көшөгөсү келбейт.

- Бүгүн айтышты, бүрсүгүнү келет экен, беш киши келебиз деди, - Кубандык күңк эте жооп берди, - Камына бер!

- Камынганда эмне, анын айлап жасаганын мен бир-эки эле күндө бүтүрүп коем, салпылдап отурмак белем? - Сейде кыйгачтай сүйлөдү.

- Акмак катынсың, ушунча жыл сага короткон кайран жан! - деп Кубандык туруп баратып, - Айттым, даярдана бер, - деди да чыгып кетти.

Үнсүз отуруп алып: "Менин да корогон жылдарымды таап бере албассың, өткөнгө өкүнүп, зорго жүргөндө ушунуку өттү, жөө келип калат деп ойлобогонумду кара, а кокус башка бирөө көрсө эмне болот эле", - деп да ойлоп чоочуп кетти. Ошол кезде Эрмек менен Назира эки сумка көтөрүп, ички бөлмөдөн чыгып келаткан, аларды көрүп чоочуй сурады.

- Ой, силерге эмне болду?

- Биз кетебиз апа, мени балалыктан кечип эле койгула, ушул бойдон мени көрбөйсүңөр! - деп Назираны колдон алды, - Биз кеттик.

- Бүрсүгүнү кудалар келет экен, алар келсе эмне дейбиз?

- Апамдарбы? - Назира токтой калып сурап калды.

- Ооба, жарым сеппи же толук сеппи, иши кылса келебиз деген экен, атаң айтып кетти.

- Эрмек, апамдарды күтөлү…

- Чын эле күтүш керек го?

- Силер болбосоңор болбойт го балдарым, атаң "кудаларды тосконго камынгыла" деп кетти, - деп Сейде экөөнү карап калды.

Алар бири-бирин карай кайра кайрылышты. Анан келини экөө салат жасаганга майда барат алып келүүгө дүкөнгө бармак болду. Экөө ээрчише дүкөнгө барганда, тааныгандар учурашып.

- Кандай Сейде эже, келин кут болсун, сулуу келиниңиз бар турбайбы, барып көрө албай жаттым эле, - деп бири айтса, бири:

- Кандай бактылуусуз, акыл эстүү, сулуу келиндүү болдуңуз, Жамалкандын тарбиясын алса дурус эле болгондур, өзү да энесине куюп койгондой окшош тура, Жамалкан ушундай сулуу аял, - деди бир дүкөнчү.

- Кудайдын кулагы сүйүнсүн, балдар шаардан табышып калыптыр, насипке айла жок экен да, - деп Сейде умсунуп алды.

- Оой эже өкүнбөйсүз, ата-энеси койчу болгону болбосо, абдан жакшы адамдар, адамгерчилиги андан жакшы, ушундай кишилерге куда болгонуңузга кубана берсеңиз болот, - деп Күлүйпа деген келин мактап жатып калды.

Назира ары жакка басып кетти, көптөн бери өз айылын көрбөй, өткөн-кеткендерди карап жүргөн менен эки кулагы аларда. Алардын мактоолорун угуп, өзүнчө кубанып да жатты.

Экөө сабиз, турп, кызылча, капуста-картошкаларды алып алды да үйдү көздөй жөнөдү. Сейде Карыбек менен Жамалканды мактагандарды ичинен жактырган жок, тек угуп койду. Үйгө келгенден кийин:

- Эми буларды эрте асып бышырып туруп анан жаса, - деп төргө отуруп калды.

- Бүрсүгүнү келишсе эртең жасайбыз апа, ысыкта ачып кетсе жарабай калат, - деди Назира, ал тайманбай айткан мүнөзүн кармата.

- Өзүң бил.

- Апа, - деди Эрмек.

- Ийи.

- Өзүңүз келин болгондо кайненеңиз бар беле? - деп күлүп калды.

Назира бер жактан күлүп жатты.

- Эмнесин сурайсың, чоң энеңди көргөн жокмун, тигил эле жеңемдин колуна келгем, эмне болду?

- Аа-а, кайненени билбейт турбайсызбы ээ?

- Эмне, кайнене кандай болуш керек эле? - Сейде жини келе жамбаштап жаткан жеринен өйдө боло калды. - Эмнени айтып эле тантып жатасың ой бала?

- Деги да, кайненеңизди көрсөңүз башкача болмок, Сурма чоң апам деле жакшы аял го, ошол сизге абысындык кылган эместир.

- Бар ишиңди кылчы! - деп Сейде кайра жатып алды.

- Эми сиз карып калбадыңызбы, келиниңиздин жасаганын ичи-ип эле ушинтип жата бербейсизби? - деп апасынын жанына келди, - Апа, айтчы деги, Назиранын эмнеси жакпайт?

- Эмне деп жатам мен, өзүңөрдү-өзүңөр билип эле үйлөнбөдүңөрбү, башка эмне керек, мен жата бергидей азыр өтө эле картаң эмесмин, анын үстүнө силер жүрө бермек белеңер, эмеле куйругуңарды түйүп кетесиңер, - деген Сейде уулуна таарынгандай ары карап кетти. - Биерде жүрсөңөр анда бир жөн, эмеле жалгыз калам. Атаң болсо күндөп-түндөп чапкылап жүрө берет.

- Эми атамдын жумушу ошондой да апа, иштебесе да жанын койбойт чыгарсыз? - Эрмек болбой эле күлүп, тамашалай берди, - Эмки жылы Назира окуусун бүтсө, биерге келип иштейт, ошондо жалгыз болбой каласыз ээ, апа?

- Мейли балам, деги билгениңерди кылгыла, жалгыз өлмөк белем. Баса, Жазираны көрүп жатасыңбы?

- Жездем экөөнө тең жолугуп турам, ал качан чакырат деп сагынып жүрөт, жездем абдан жакшы, мен окуумду бүтсөм, чоң ооруканага киргизип коебуз деп жатат, эжем экөө абдан ынтымактуу.

- Садага болоюн десе, ошентсин балдарым, - деп кубанып алды.

- Апа.

- Ийи.

- Мени Жази эжемдей жакшы көрбөйсүз ээ?

- Эмнеге?

- Жакшы көрсөңүз менин үйлөнгөнүмө каршы болмок эмессиз.

- Ар-рам десе, Жази экөөңөрдөн башка кимибиз бар, сени мен жаман көрүп эмне, эне бир баласынан бирин ашык, кем көрбөйт, уулум, - Сейде башын көтөрө өйдө болду да, - Садага кетейин десе, кантип сени жаман көрөм, экөөңдү тең жакшы көрөм, силерге тийген тумоо бизге тийсин деп отурабыз го атаң экөөбүз.

- Кой жалган, жаңы келгенде досторумдун көзүнчө уят кылдыңар, уялып жатам. Эми барганда эмне дешет, аларга дагы баргандан кийин вечер уюштуруп беришибиз керек.

- Мен өзүм кошо барам ээ уулум, силерди кантип томсортуп коелу, эки иштен бир иш Жазирага да жолуга келейин, - деди Сейде ойлуу.

- Кызыңыз үчүн эле бирге баргыңыз келип жатабы, же бизди көчүрүп барып, чын эле той өткөрүп бересизби? - Эрмек ого бетер эркелеп, апасынын жинине тийип жатты.

- Жо-ок, атаңа кеңешип, силерди көчүрүп барам балам, анте берсең мени капа кыласың, сен эмне менин өгөй балам белең капырай, кой мен эртең жардам бере турган келиндерге барып жолугуп келейин, силер отура бергиле, Назирага айтчы, түшкүгө тамак жасай берсин ээ? - деген Сейде сыртка карай жөнөдү.

Эрмек кубанып алды, ал апасын аз да болсо жумшартканга: "Кайда бармак эле, акыры келини менен жакшы болуп кетет, эмнеге булар адегенде аябай каршы болушту, Назиранын ата-энеси ошончолук эле бечара кишилерби?", - деп ойлонуп ичкериге кирди. Назира өзүн жадырай карады.

- Апаң экөөңөр аябай сүйлөштүңөр го?

- Апаң эмес, апам де.

- Ой кечир, апам экөөңөр көпкө сүйлөштүңөр го? - деп Назира кыткылыктап күлө колун күйөөсүнүн мойнуна артып, - Качан кетебиз? - деди.

- Эртең кайненем менен таанышам, анан буй руса кетебиз.

- Атамдарды, инилеримди ая-ябай сагындым Эрмек, тез эле бүрсүгүнү келип калса экен.

- Шашпа, экөөбүз шаарга баргандан кийин өзүбүзчө жашасак, апамдар барып турат, ошондо алар дагы барышат, көрөсүң го?

- Тез эле ошол күн келсе экен ээ, Эрмек?

- Келет, жаным, - Эрмек келинчегин өөп, көтөрүп барып, диванга жаткырып, катар жатып алышты, - Биз бактылуу болобуз, жаным.

- Эми барганда эмне дешээр экен, менин ата-энемди аябай паска тепкенин угушту, айтып барышкандыр…

- Эчтеке болбойт, биздин эле жашообузда болду дейсиңби, боло берет особенно кыргызда, - деп эркелете өпкүлөп жатты, - Эч кам санаба, алтышка.

- Баары бир жаман ойлоп калышты, ата-энем мен үчүн баары, билсең Эрмек, алар мени кандай жакшы көрүшөөрүн билсең, эң жаман жери… - деп ойлонуп калганда Эрмек башкача ойлонуп кетти: "Атасы ичет окшойт, ошонусун айталбай жатат го?", - деген ойдо:

- Айта бер - деди акырын.

- Атамдын мага жакпаган жери абдан жоош, баладай ишенчээк, ак көңүлдүгү, анан дагы аябай ак жүрөк.

- Ой кокуй күн десе, - деп Эрмек каткырып күлүп жиберди, - Мен дагы ойлоп кетпедимби, ичет окшойт деп, жооштугу менен ак көңүлдүгү жамандыгы эмес да.

- Ошондуктан атамды кемсинтишет, өтө эле жооштун эмне кереги бар Эрмек? Атамды мен элге окшоп, чечкиндүү болушун каалайт элем, - деп экөө сүйлөшүп жатканда, Сейденин үнү угулду, ал эки-үч аял менен келген эле. Назира шашып тура калды. Кой мен тамак жасашым керек эле Эрмек, апам дагы ачууланып жүрбөсүн?

- Мен жардам берейинби?

- Сен өзүбүзчө болгондо сөзсүз жардам бересиң, азыр отдыхай! - деп күлүп коюп, чыгып кетти. Сейде үч келинди ээрчитип келген экен, алар келин көргөнү келишкен экен, Назира чыгып келатканда Сейде аны карап:

- Жүгүнүп кой балам, келин көргөнү келишиптир, жүгүнүп кой садага, - деди жылмая.

Назира эңкейип жүгүнүп жатканда, эки-үч аял тең:

- Кудай жалгасын айланайын, алганың менен тең карып, ак жолтой келин бол! - дешип жоолугун салышып, бетинен өөп жатышты.

- Айтканыңар келсин, ылайым батаңар тийип бактылуу, таалайлуу болсун сиңдилерим, силерге дагы рахмат, келбей койсоңор деле таарынмак эмесмин, - деп оолжуй сүйлөп төргө өткөрдү. - Отургула эми. Чай-пай ичип дегендей, - Назирага карады, - Балам тамак жасай кой, бирдеме ичип кетишсин, - деди. Назира башын ийкей чыгып кетти.

- Айланайын, ыйманы ысык, өңдүү-түстүү келиндүү болупсуң, кут болсун, түсү ийгиден түңүлбө дегендей жакшы келин алыпсың, - деди улуурагы.

- Эжемдин кызы министрликтеги кишиге келин болду, уулу айдай кызга баш кошуп отурат, - деди бири Сейдени мактай.

Назира муздаткычтан эт алып, тамак жасап кирди, ал эртеңки апасынын келээрин ойлоп кубанып жатты: "Апакебайым, силерди сагындым, мени кечиргиле атам, апам силерге бир аз сөз тийип калды, түшүнбөстүк болду, эми эч качан сөз тийгизбейм", - деп ойлонуп заматта тамакты жасап алып кирди. Сыңар тизелей калып, чыныларга чай куюп, тамакты ортого коюп берип болгондон кийин.

- Бара гой, эми калганын өзүм куя берем, - деди Сейде, - Эрмек экөөңөр ошол жактан иче бергиле.

- Макул, - деп Назира чыгып кетти, анан Эрмек экөөнө тамак алып кирип, өз бөлмөлөрүнөн эле ичип алышты. Сейделер бака-шака түшүп, арак ичип отурушту. Алардын үстүнө эч ким кирбеди, Назира өз ишин жасап жүрдү.

Айтылган күнү Жамалкан абысыны, сиңдиси, эң кичүү баласы болуп келип калышты, алып келгендерин көргөндөр ыраазы болуп калышты. Сейде Жамалканды көрүп таңгалып турду, анткени Назира ага союп каптагандай окшош эле. Жамалкан кырктарга жакындап калганы менен жапжаш көрүнөт экен, бир жагы анын сулуулугуна ичи тарып кетти: "Жылтыңдап дегеле өңү жылма тура, кудай билет ушунун койчу күйөөсү менен ак жашап жатканы, мындайлар дароо көз жазгырып коет", - деп өзүнчө эле кызыктай абалда калды. Жүгүн жыйып, шырдактарын жайып көрүп, килемдерин илип өздөрүнчө бака-шака. Көшөгөсүн тагып, учундагыларын алып кубанып, бири-бирин тамашалап жатышты. Сейде кудагыйынын алып келген кийит-кечесине, буюмдарына, септи толук алып келгенине ыраазы болуп, мактанып да жатты. Зымпыйган Жамалкан зыңгырап дегеле ачылып сүйлөгөн жок. Күйөө баланын көрүндүгүнө жүз сом акча берип, кыз-күйөөсүн чекесинен өөп:

- Бактылуу болгула кагылайындар, ылайым ак жолуңар ачылсын! - деп батасын берди.

- Кудагый, нандан алып отургула, - деди Сурманын келини чай сунуп отуруп, - Кыздын төрүнө келгенде бут сунуп, кенен отуруп, ичип-жеп кетиш керек, - деп шыпылдап жатты. Деги эле Сурманын эки келини бар, экөө тең кайнененин камырынан дегендей шыпылдап турушат.

- Алып жатам, айланайын, - деп койду Жамалкан, ага жылмая карады.

- Кудагый, - Сейде аста басып келип жанына отуруп шыбырады, - Сизден бирдеме сурайын, куданы биротоло чакыртып алалы, балдар барышсын.

- Үйдө эле, ага жардамчы койчу баргандан бери үйдө, балдар менен болуп калган, - деди Жамалкан ага сүзүлө карап.

- Аа-а, анда жөнөтө берейин, - деп Сейде туруп кетти. Үйдөн чыгаарында, Жамалкан күйөөсүн жуунтуп кийинтип, костюм-шымын даярдап коюп келген. Мындайды көп көргөн неме чакыртаарын билген эле. Эки койду куйкалап союп, бирин кешикке деп, карчыга төшүнөн башкасын салды, келген конокторго арактан шыкап жатышты. Кубандык Карыбек менен Алыбек келгенче үйгө кирген жок. Качан гана алар келгенде коштой кирип, Жамалкан менен баш ийкеше учурашкан болуп, бакылдап жатты. Улам көз караштары чагылыша түшүп: "Мындай болоорун ким билиптир, кудай кечирсин биздин күнөөбүздү", - дегендей өкүнүчтү бири-биринин көздөрүнөн окуп, тымызын отурушту.

- Кана кудалар, тамакка карагыла, "Кудай кошкон куда, пайгамбар кошкон дос болот", - дегендей бизди кудай кошуп отурат, балдарыбыз бактылуу болсун, - деди Карыбек менен Алыбекти карай.

- Эр чекишпей бекишпейт деген ушу балдар, силерди балдар бириктирип отурат, мындан ары силер бир казандан аш, бир үйдөн иш бүтүрөсүңөр, биз биякта эле калабыз, - деп Амандык сүйлөдү, андан кийин, - Балдардын бактысы силердин колуңарда, бирөөнүн чагым сөзүнө кирбей бири-бириңерди сыйлагыла.

- Ооба-ооба, куда, балдар болбогондо деле көз караштарыбыз түз эле, эми ого бетер жакындап калдык, - деп Карыбек айтканда Жамалкан менен Кубандыктын көздөрү тиктеше калып, кайра ары карап кетишти.

Кудаларын сыйлап жатышты, Карыбек менен Алыбек аз-аздан алып отурушту, Жамалкан таткан жок, ага анча шыкай да алышпады, сустайып такыр жылмайбаган кудагыйына Сейденин туруп-туруп жини келсе да, сыртынан билгизбеди. Эт желип, колго суу куюлгандан кийин кийит кийгизүү салт боюнча Сурма менен сиңдиси Кенжеге тийди, Кубандык өзү Карыбектин алдына акча койду. Бүчү-боо дегенди алып келиндер шарактап бөлүшүп жатты аркы бөлмөдө. Эне сүтү деп бир жылкы айтты. Ошентип Карыбектерди узатып чыгышты, ошондо эне-бала бир азга сүйлөшүп турду.

- Кызым, акыбалың кандай, кайненең дурус элеби? - деди Жамалкан канчадан бери жүрөгүн өйүткөн суроосун берип.

- Баары жакшы апа, эч кам санабагыла, жакында шаарга кетебиз, Алыбек акемдерге кат жазып жиберем, ошондо барып келиңиз, ээ?

- Ма-акул кызым, кыйналбай эле жүрсөң болду, эми мен кетейин, тыңыраак бол, кайненең менен айтышпа, сүйлөсө көтөрүп кой, улууну сыйлаганды үйрөтпөптүр деп кеп кылат, бизге сөз келтирбей жакшы адам бол кызым, - деп кучактап, эки бетинен өөп, жолуна түштү.

Алар кеткенден кийин Сейде салт боюнча Амандык менен Сурмага келиндин келген жуурканынан берди, кыздарга тарак, күзгү жүз аарчыларды таратып берди, анан чогуу отурганда:

- Кудагыйым бечара койчунун аялы эмей эле чоңдун аялындай чоюлат го, көргөнүм ушул, - деди абысынын нукуй жылмая.

- Койсоңчу, Назира угуп калса ичи кетип калат, ал башынан ошондой зымырайган аял, чынында ошондойго ылайык эле аял, пешенеси Карыбек менен байланыш болсо, аргасы жок да бечаранын, - Сурма шыпшына оозун "чылп" эттирип койду.

- Кызы да өзүндөй зымырайган келин болсо жаман эмес.

- Энесин көрүп, кызын ал деп ошону үчүн айтылат да, келин жакшы эле болот буйруса, эми куштап алыш өзүңөрдө калды, - деп сүйлөшүп отурганда, Кубандык:

- Ушу бирөөнү сынап-кынаганды кой дебедим беле, сени шаардагы кудалар эмне дешти экен? - деди аялын жаман көзү менен карай.

- Эмне кылып жатам? - Сейде күйөөсүнө оңураңдай кетти, - Сүйлөп койсо эмне экен?

- Куда болуп калдык, келин укса кандай ойдо калат, анын үстүнө жаңы эле келсе капа болбойбу?

- Укпайт, - деп койду көгөрө.

- Кой Сейде, сен деле менин колума келгенсиң, эми келиндүү болдуң, этиеттенип сүйлөп жүр, - деп Сейдени Сурма нукуп койду.

Ошондон кийин башка сөзгө өтүштү. Ар кайсыны айтып отуруп, анан тарашты. Эрмек атасы менен кеңешип, кетмек болушканын айтты эле, ал чоочуп кетти. Ага Эрмек түшүндүрө айтып, бир-эки күндө кетээрин билдирди. Сейде келин-уулу менен бирге бармак болуп бир койду тирүү алып, боорсок жасап, абысынын жанына кошуп алып, келин-уулун ээрчитип жөнөштү. Келгенде Эрмектин батирине токтошту, келген күнү эс алып, эртеси дасторконго керектүүлөрдү даярдап, Жазираны чакырып алып сүйлөштү, аны менен бирге күйөө баласы Талант келген, ал бир бөлмөлүү квартира таап бермек болуп, эртеси эле чогуу окуган студенттерди чакырып той берип, анан окуу жайдын деканын, профессорлорун өзүнчө коноктошту. Эрмектин көңүлү жайлана, Талант таап берген батирге кирип жашап калышты. Сейде кудагыйы берген жууркан төшөктөрүн түгөл берип, килем, ала кийиз менен шырдактарын кошуп, өзү дагы бир топ дүнүйөлөрүн берип, батирге киргизип коюп, Сурма менен Сейде Жазирага жолугуп коюп, айылга жөнөштү.

- Кандай, балдарды жайгаштырдыңарбы? - деди Кубандык келээри менен эле.

- Баары жайында, теңтуштарына тойчук өткөрүп бердик, ойноп-күлүп жыргап калышты, - деп Сейде көңүлү жайланып, эс алууга жатмак болду.

Көптөн бери эрди аялдын бири-бирине салкын болуп баратканы белгилүү эле, эми Кубандык баардык үмүтүн үзүп, аялына биротоло баш коймок болду: "Деги мага жашоодогу жыргалдуу ырахатты буйруган эмес экен, өз аялымдан өтөөрү жок экен да", - деп ойлонуп кучактап жатып калды. Сейде үндөбөй эринин эркинде болуп жатты. Ошол күнү бир аз аралары жакындагандай болду. Бирок Кубандык жыйырма беш жыл жашаган аялына анчалык мээр салбады. Көкүрөк көксөөсү, жүрөк эңсөөсү тымызын башка бирөөнү эңсегендей оор улутунуп алып, ары бурулуп кетти. Көз алдынан Жамалкандын элеси кетпей, ал азыр асмандагы айга окшоп, кол жеткис аялуу буюмга окшоп турду. Сейденин эси-дарты Абдиде, канчалык күйөөсүнө дилин, динин берүүгө аракет кылса да, бир ой жүрөгүн мыжый туруп алат.

- Кубан, - деди көптөн кийин Сейде.

- Эмне?

- Сен мени сүйбөй эле үйлөнгөнсүң ээ?

- Эмне деп жатасың, эми экөөбүзгө сүйүүнү байлап коюптурбу, балдар үйбүлө күтүп калды.

- Айтсаң.

- Эмнени?

- Ортобузда сүйүү болгон беле?

- Сен билбейсиңби?

- Эсимде жок.

- Анда экөөбүздө сүйүү жок үйлөнгөн турбайбызбы?

- Кантип билдиң?

- Сүйүүдөн тамган жакшы мүнөттөр сөзсүз эсте калыш керек да?

- Чын эле…

- Эмнеси чын?

- Өзүң айтпадыңбы?

- Эмне деп?

- Сүйүү болсо өткөн күн унутулбайт деп. Эстеп көрсөм сени менен өткөргөн жакшы күндөр калбаптыр…

- Өткөндү эмнеге эстегиң келди?

- Жөн эле.

- Себеби бардыр.

- Эч кандай себеби жок, сен мени кийинки кездери жакшы карабай баратасың.

- Тантыбай жатчы, сени карагыдай болуп жатамбы, менин эси-дартым бала-чаканын кийинкисине жакшы жашоо түптөш керек деген эле ой, малды көбөйтүп, шаардан балага эптеп үй алып беришим керек, сенин оюң талаада, - деп Кубандык жиндене ары карап кетти, - Элүү койду эптеп койчуларды аке-жакелеп бөлүп жашырдым.

- Ырас кылыпсың.

- Жакында приватташтыруу болгону жатат, буйруса эң акыркы жаңы салынган короо-сарайды алып койсомбу деп жатам.

- Ой молодец десе, чалымдын мындайын билбей эле, капа болуп жүргөн турбаймынбы. Алмазга айтсам, бере берсин бага берем деген. Жайгаштырып койгон экенсиң да? - Сейде күйөөсүн артынан кучактап алды, - Алтыным десе, балдарымдын атасы-ы, кечирип койчу ээ?

- Жөн жатчы ой, жакында совхоз-колхоздордогу малдын баарын таратканы турат, анда эптеп уй-жылкылардан алып койсом ашыкча болуп кетеби? Болду эй, башты оорутпай тынч уктатчы? - деди.

Сейде унчукпай жатып калды. Ошол бойдон уйкуга киришти. Өмүрдүн кызык учурун адам баласынын колунда баары бардай өткөрсө, колунда жок бечара өмүрүнүн кандай өтүп жатканын сезбей, кейип-кепчип өткөрүп жиберип, бири кем дүйнөдө жакшы менен жаман, бай-кедей, акылман менен акылсыз бирдей өтүп кете берет эмеспи. Кубандык катуу сынды, көңүлү каалап, күндүр-түндүр көз алдынан кетпеген кара көз келин кайып-каскагынан кудагыйы болуп, оозунан алдырган бөрүдөй боло түштү. Убакыт ар бир оору-сыркоону, жаман күндөрдү өзүнүн кучагына алып, билгизбей дарылайт дечи, бирок адамдын эңсөөсүчү, аны канткенде басат?

Кубандык жумушуна барып, койчулардын малын текшерип, анан бакылдап, өлүм-житими болсо, аларын чыгыш кылып, акт жазып, кошомат кылып жүрдү. Кийинки кездери ал чындап эле Сейдени көргүсү келбей калган, кыз-келин көрсө, өз көксөөсүн кандырууга, Жамалканды унутууга аракет кылат, бирок эч бир келин-кесек көзүнө чалдыкпады. Бир күнү кечкисин Жумабек деген койчунун короосуна келип, Жусупжан Акматалиевичтин калган койлорун Үч-Коргонго түндөп жүктөп кетти. Ушул тапшырманы аткарып койсом деп, Акматалиевичтин койлорун сатып, үч күндө кайра келди. Ошол кез Горбачев союзду баш аламан кылып бөлүп ар бир өлкө өзүнчө республика болуп базар экономикасын мыйзамга киргизип жаткан убак. Чакчелекей түшкөн өлкөдө өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген мыктылары менен иш билгилери ич арадан эле баарын бөлүштүрүп, адегенде бодо малдын изин суута башташты. Кубандык дагы куру калмакпы, төрт уй менен эки жылкыны агасы Амандыктын эшигине жеткирип койду, ага дагы бодо мал менен жылкыларды алып берип күзүндө короосун толтуруп койду, бажасы Алмаздарды дагы унуткан жок. Койчулардагы койлорун шашылыш чогултуп келди, алар убадасына туруп кыргыз койго алмаштырып койгон экен. Кудуңдай ыраазылык билдирип Амандыктын үйүнө жеткирип эс ала түштү: "Кудай буйруса баары жайында, эми бут сунуп жатып, жай туруп эс алып калам", - деп ойлонуп алды. Жусупжан Акматалиевдин көңүлүн да жайлап, көчүрүп келди. Анан бир күнү экономист менен отделкадр болуп чогуу отуруп калышты, алар бир аз ичип кызуулангандан кийин Турусбек:

- Кеттик биздин үйгө, баарыбыз жумушсуз калдык, бир жакшылап отуралы, - деп калды.

- Баракелде досум, далай жыл бирге иштешип, бир топ кагаздарды желге учурдук, эми чогуу бир отуралы, ушул бойдон ар кимибиз өз иштерибиз менен алек болобуз, - деди Асек кубана.

- Кеттик анда, менин аялым бүгүн үйдө жок эле, эртең буйруса меникинде баш жазалы, - Кубандык туруп баратып ушинтти.

- Мына-мына, Кукемдин сүр чучуктарын жейбиз, - деп каткыра Турусбектин машинасына отуруп алып, үчөө күүлдөп баратты.

Ушул бүгүн өзүнүн тагдыры кескин өзгөрүлүп, жашоодогу бөксөсү толуп, көңүл көксөөсү аткарылчудай үмүт анын өмүрүнө жол ачаарын Кубандык сезбей эле бирге иштешкендери менен кетип жатты. Үйүнө жетип түшүп, үйүнө кирип барышты. Кире бергенде алардын алдынан, бир кара көз келин чыга калды, Кубандыктын жүрөгү болк этип алды: "Бул Турусбектин аялы болот го?", - деп ойлогон менен кыжаалат ойдо болуп отурду.

- Аяш көрүнбөйт да? - деди Асек Турусбекти карай.

- Бир жакка кетсе керек, кам санабагыла, балдызым турбайбы, ал келип калат, - деп Турусбек өзү барып, муздаткычтан бир бөтөлкө алып келди да, стол үстүнө коюп, нандан сындырып, - Келгиле адегенде нандан алгыла, - деди. Аңгыча Жамийла чай алып кирип, чыныларга чай куюп сунду да, чыгып кетти, Турусбек стакандарга арактан толтуруп алды-алдына койду, - Жамийла, куурдак жасай койчу, эжең кайда кетти эле?

- Азыр келип калат го? - деди үнү назик, бой келбети келишкен, жумуртканын агындай жүзү кызарган келин. Анын өрүп койгон чачы такымына жетип Кубандыктын көзүнө башкача көрүнүп, делөөрүтүп койду.

- Аа мейли, куурдагыңды тездет, - деди да досторуна карады, - Балдызым жакшы келин, бечара төрөбөгөнүнөн ажырашып келген, балдарды карашып биздикинде жүргөнүнө көп болду, - Турусбек стаканды көтөрдү, - Кана эмесе ишибиздин мындан аркысынын жакшы болуп кетиши үчүн алып коелу!

- Үйбүлөбүз менен аман бололу!

- Мейли эми, тоголок башка бир өлүм дегендей ар пенде пешенесине жазганын көрөт инилерим, келгиле андан көрө мындан алалы, - деп Кубандык айтканда, тигил экөө каткырып калды.

Ал эми Кубандыктын эси-дарты ак маралдай керилген Жамийлада болуп жатты: "Эми кантип кандай кылып сүйлөшөм, кантип таанышам, мага караар бекен, эгер колума тийсе өмүр бою бирге болууга ант берип, Сейдени таштап, шаарга кете берет элем", - деп ойлонуп турду. Ошол убакта Жамийла табакка куурдак көтөрүп келип калды. Андан көзүн албаган Кубандык жалдырай карап отура берди, Жамийла чыгып кетти.

- Кана келгиле, тамактан алалы, - Турусбек экөөнүн алдына жилик менен кабырганы жылдырды, - Тамак менен эми бирден алалы, - деп жатканда, аялы Чынара келип калды, - Оо кел байбиче, биз келип калдык! - деп Турусбек аялына карап койду, - Ар кимибиз ар жакка тараганы калдык, ажыраш аяк кылып жатабыз.

- Келиңиздер! - деген Чынара ички бөлмөсүнө кирип которунуп чыкты, - Чай-пай алып келдиби, чай ичиңиздер, - деп Жамийлага окшогон капкара көздөрүн тигилерге жөнөтө карап сурап койду, эже-сиңди абдан окшош болуп эгиздей экен. Асек менен Кубандык сыртына чыгарбаган менен таңгалып турган ичтеринде.

- Аа-а ичип жатабыз.

- Бар-бар, - деп коюшту алар.

- Байбиче, мынабу ак суу турганда чайдын эмне кереги бар, - деп Турусбек каткырып койду.

Көпкө отурушту. Бакылдашып отуруп, ар кайсыны айтып отура беришти, арактын бөтөлкөсү үч-төртөө болуп мас да болуп калганда, кеч үйдөн чыгышты. Кубандык өзүнүн минген машинасын тапшырып жөө калган. Үйүнө бир аз телтеңдей күүгүм талашта келсе үй бек экен, такылдатканда көпкө чейин ачылбай жатты, кыш болгондуктан, саал масы тарай үшүй баштады: "Бир жакка кетип калганбы, кайда кетмек эле", - деген ойдо эшикти катуулап кага баштады…

Сейде күндүзү Кубандык үйдөн чыгаары менен мончого барып келип, өзүн жасап-түзөп, атырдан себинди да, тамактан жасап коюп, эшикке чыгып дарбазанын сыртында көпкө эки жакты карап турса Абди көрүндү, аны көрүп, акырын кол жаңсады да, кирип кетти. Ал артынан шып этип кирип эле:

- Сагынып кеттим, ушунча да созосуңбу, качантан бери көздөн учтуң го? - деп кучактап өпкүлөй баштады.

- Шашпа, эшиктерди бекитип келейин, - Сейде андан бошонуп, дарбазаны бекитип, эшиктерди илди да, - Отур, тамактанып алалы, - деп тамак алып келди да, бир бөтөлкө кыргыз коньягын ачып, эки стаканга куйду, - Кел эми тамактын алдында алып коелу, - деп анын колундагы стаканга кагыштырып койду.

- Жаным менин, ушундан да өзүң кымбат болуп турасың мага, үйдөгү аялым албарстыдай эле көрүнүп баратат, - деген Абди алып ийип, семиз эттен сугунду.

- Балдарың турганда албарсты эмес, жез кемпир болсо да жашайсың да? - деп Сейде мыйыгынан күлүп койду.

- Балдар го бар, чынын айтсам, сени эле ойлоно берчү болдум, канткенде сенин жаныңда болом? - Жанына келип, төшүнө колун сойлото бетинен өөп, - Менин көзүмө азыр сен гана көрүнүп турасың, - деди.

- Кое тур эми, бир аз тамактанып алалы, али күн эрте, эрим келгенче далай жыргалды өткөрөбүз, - деп Сейде кылыктана күлүп аны ары түрттү. Абди отуруп, майлуу эттен сугунуп жатты. Сейде аны карап отуруп, - Сен мени чындап эле сагындыңбы же менин майлуу эт менен тамагымдыбы? - деп сынай карады.

- Койсоңчу Сейде, сени жакшы көрөм, тамакты ортого салба, сенсиз жашоо мага караңгы, - деп коюп, Абди кесмеге кошуп, эт сугунуп жатты.

Стол үстүн жыйбай эле коньякты ичип бүтүп, экөө диванга жатып калды. Ошол бойдон уктап калышып, күүгүмдө ойгонуп, дагы өбүшө ишке киришкен, бир кезде эшик такылдап калды, экөөнүн жүрөгү кабынан чыга шашыла кийине баштады. Абди кийинди да веранданын өзү бекинчү чакан бөлмөсүнө калчылдай туруп калды. Сейденин бүткөн бою калчылдай суудан ууртап алды да, уйкусураган болуп:

- Ки-им? - деди эшикти ача.

- Аччы, ким болмок эле, уктасаң өлүк болуп каласың да, - Кубандык кирип, эч нерсеге көңүл бурбай эле жатчу бөлмөгө өттү, - Эс албасам болбойт, эми бүгүндөн тарта бошмун, - деп жатып алды, Сейде эшикке чыгып, Абдинин кетип калганын билгенден кийин эс ала түштү: "Дарбазаны кантип ачып алган, илгичти бекем эле илип койдум эле", - деп ойлой бекитип коюп, үйгө кирди. Кубандык кырынан жатып уктап калыптыр. Өз ордуна жатып алып: "Кудай сактады, кокус билип-көрүп калса, эмне кылаар эле", - деп ойлонуп коркуп турду. Кубандыктын оюнда болсо, Жамийла: "Кандай кылып жолугуп сүйлөшө алам, мени менен сүйлөшөбү, эгерде макул болуп калса, сөзсүз биерден алып кетем, алып кетишим керек", - деп ойлонуп аялынын эмне кылып жатканы менен иши да болгон жок. Эртеси күн көтөрүлгөндө турду, эшикке чыгып келип, бети-колун жууп, анан дасторконго отурду. Сейденин тамагы даяр, чайы кайнап калган эле.

- Бүгүн үйдөсүңбү? - Сейде ага карап сурап калды.

- Ооба.

- Анда тиги койлорго эн салып койбойсуңбу?

- Эртең деле күн бар го?

- Жоголсо кантип табат, малга мал окшош.

- Кудай сактасын.

- Ошентпесең болбойт, эми Жазини төркүлөтөбүз.

- Качан?

- Кышкы сессияда келебиз деп жатпайбы?

- Иттики десе, жакындап бараткан тура, бир жылкы, бир уйду саталы.

- Ооба, антпесе кантип болсун, кайнатасы кошо келет экен, биздин Токтогул кооз жер, абасы таза деп угуп көргүсү келгенин кеп кылыптыр.

- Анда эртелетиш керек экен, бирок кышында келип эмнени көрөт? Жайында келсе жайлоого бээ байлатып, алып чыкмак экенмин.

- Балким жайында кел деп айтаарбыз?

- Кой, келебиз деп жаткан адамды токтотконубуз болбойт го?

- Жазирага телефондон түшүндүрөбүз да.

- Кызымды да сагындым, атасынын гөрү, келсе келе беришсин.

- Өзүң бил, - деп эшикке чыгып кеткен Сейде кайра бат эле кирди.

- Эмне болду?

- Кат келиптир.

- Кимден?

- Жазирадан.

- Окучу.

- Окуп берейинби? - Сейде күйөөсүн көз кыйыгы менен карап коюп, катты окуп кирди: "Ардактуу ата-апа, мен силерди сагындым, кандай жатасыңар. Менин баргым келип жаткан, кайнатам жазында барабыз деп болбой койду, природага барып, жайлоого жүрүп келем дейт, мен ошону айтайын деп кат жазып отурам, окуум жакшы. Силерди бетиңерден өөп кызыңар Жазира, 1992-ж", - деп күйөөсүн карады. - Мына кудай берди, жазында жеңемдер бээ байласа, боз үй тигишибиз керек, ичин жасалгалап, конокту үйдөн тосуп, анан тоого алып барышыбыз керек ээ Кубан?

- Ооба, сөзсүз ойдогудай тосуп алабыз.

- Садага болоюнум десе, сагындым дегенин кара бактылуу эле болсо болду. Эрмектер кантип жатты экен, сабагына кетип, кайра келип, жүдөп кетишпесе болду.

- Эми балам шаарга көнүп калбадыбы, эчтеке болбойт, андан көрө акча берип ийсең боло?

- Ишеничтүү бирөөдөн бербесе…

- Каттагандардан берип жибер да?

- Байкаштырып көрөйүн, Жазирага эле берип ийип, телефон чалып койсом, Эрмекке берип коет да.

- Ошент.

Кубандык ошол бойдон унчукпай калды, көптөн кийин ордунан туруп, кийинип кайдадыр жөнөдү.

- Кайда?

- Канторго барып келейинчи, эмне кылып жатышат болду экен.

- Ушундан көрө койго эн салып келсең болот эле го? - Сейде наалып калды, - Жаш балача өз билгениңди кыласың.

- Кулакты койбойсуң го, акем өзү эле эн салып койбойбу?

- Мен кантип айтам, өзүң салып кой деп.

- Болуптур, бир-эки күндөн кийин, - деди да чыгып кетип калды.

Сейде отурган жеринде кала берди. Кубандык канторго келсе Турусбек менен Асек жүрүптүр, кайсактап эле кеңселерден чыккылары келбейт, бирин-серин кызмат ордунан кыскартылып, али да иштеп жаткандар бар болчу. Кирип-чыгып чөнтөктөрүн кашылай эчтеке таппай турган экөө Кубандыкты көрө сала кубанып кетишти.

- Ой Куке, барсыңбы? - деп Асек аны көздөй басты.

- Салоом алейкум. - деди Турусбек дагы шынаарлай.

- Биякта эмне кылып жүрөсүңөр?

- Сиз эмнеге келдиңиз?

- Силерчи? - деп Кубандык күлгөндө үчөө тең каткырып калды.

- Ой бу кеңсебиз ак үйдөй эле көрүнүп, келгиң келип калат экен, иштеп жүргөндө билчү эмес экенбиз да?

- Ошону айтсаң, ар нерсенин кадырын кийин билебиз да адамдар, эми үйдө отуралбай калдык. Куке, баш али зыңгырап ооруп жатат, эмне кылабыз?

- Баскыла атасынын гөрү, мындай басалы, - деп Кубандык жаңыдан ачылган базарчикке жөнөдү, - Үйгө эле барбайлыбы?

- Куке, берсең ушул эле жерден бер, үйгө баргыча тамактар кургап өлөбүз го? - деп Асек желкесин кашылады.

- Макул, өзүңөр билгиле, закускасы болду бекен? - деп базарчикке барып пирожки, чакан-чаккан самсы бар экен, андан алып орундукка отурушту да бир бөтөлкө аракты бөлүштүрүп кирди, - Келгиле эми, заманыбыз өзгөрүлүп, бизге кызмат табылып калсын ээ? - деп стакандарды кагыштырып кирди.

- Мейли, эмнеси болсо да элибиз өсө берсин, - деп үчөө Кыргызстанды өздөрү эле алдын-ала болжоп, калыска салгандай сүйлөшүп отуруп, бөтөлкөнүн бошогонун байкабай калышты.

- Кой кеттик, рахмат Куке, кечээ ичип барсам, аялым жанды койбой ажылдады, бүгүн соорок барайын, - Асек туруп эки жагын карады.

- Бекерчи болсоң аялга жагышың кыйын, эптеп бир иш башташ керек, ферма ачып, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча иш кылсамбы деп жатам, кандай дейсиң Куке? - Турусбек экөөнө карап жооп күтүп калды.

- Эң сонун, айыл чарбачылыгы боюнча дагы ачсаң болот.

- Сен уже ойлонуп койгон экенсиң да, мен эч нерсени ойлой элекмин, бул акылың абдан туура, өндүргөн өнүмдүн үстүнөн салык төлөйсүң да, сонун иш, - деди Асек.

- Буйруса кагаздарды бүтүрүп жатам.

- Туура таапсың, кредит алсаң да болот, - дешип сүйлөшүп турганда, Кубандык дагы бир бөтөлкө алып келди.

Үчөө экинчи бөтөлкөнү ачып калганда, бухгалтер болуп жүрүп, иштен чыгып калган Артыкбай келип калды:

- Эмнеге тойлоп жатасыңар?

- Капитализмге карай ушуну менен бармакпыз.

- Демократиянын келишин куттуктап жатабыз, - деди алар сөздү тамашага чала, - Кел отур, муну менен кандайсың?

- Ырас эле демократия бизге да келди ээ, атасынын гөрү, бир аз отуруп ичкенден эмне болмок эле, - деп алардын жанына отуруп калды..

Төрт чыныга куюп, Асек өзү бирин алды да.

- Жашасын демократия! - деп койду.

- Жашасын эгемендик алган өлкөбүз.

- Жашасын Акаевдин заманы! - дешип алып ийишти.

Алар ошентип отурганда, Жамийла базарга келип бирдеме алып жатканда Кубандык көрүп калды. Эки көзү ошол жакта. Ошол убакта бөтөлкө бошоп калган, Артыкбай ары жактагы арак саткан кызга кайрылды.

- Карындаш, бир бөтөлкө алып келчи!

- Бизге көп болуп кетти, - деп Турусбек кетмек болду, аны менен бирге Кубандык козголду эле Артыкбай:

- Силерге эмне болду, мен эми нымшый баштаганда, - деди нааразы боло.

- Биз көп ичип койдук, катындарыбыз кууп чыкса кантебиз, иштен куулганыбыз аз келгенсип, үйдөн чыгып калсак… - Асек карс-карс күлүп калды, - Кой Артыкбайды таарынтпайлы, кемеге түшкөндүн жаны бирге дешет го, келгиле эми, кардыбыз тешилсе да.

- Мейли эми, - дешип кайра отурушту.

Үчөө-төртөө болуп, керээлден кечке отуруп, алды ылжый мас болуп, арты теңселе үйлөрүнө жөнөштү. Кубандык абдан кызуу болуп, Жамийлага жолугалбай калганына жинденип үйүнө зорго келди.

Сейде аны үйгө колтуктап киргизип, жаткырып койду да, өзү верандага Абдини чакырып, тамак берип отурду. Көпкө отурушкан жок, болгону бир сөздү бышыкташты да, ал үйүнө кетти. Сейде сандыгынан жаңы костюм-шым алып, көйнөктөрдөн тандап бирди алды да: "Эми бир туфли алып бериш керек", - деп ойлонуп алды. Сейде кырк үч жашта, уул-кызынын үйлөнүп, өздөрүнчө кеткенине кубанган менен жүрөк эңсөөсүнөн чыга албады, же шайтан айдадыбы, айтор ошол түнү шаарга кетчү таксиге түшүп, шаарга кетмек болушкан. Бут кийим саткан коңшусуна кирип, шашыла алып келди да, уурдана жетип келген Абдини жасанта кийгизип алып, үйдөн чыгып кетти. Пенде… пенде алдыда эмне болоорун билсе, ошентмек беле, шайтан шаштырып, ажал айдап турса, кайда качып кутулмак эле. Кубандык эч нерсе билбей уктап жатканда жөнөгөн Сейде, сүйлөшүп койгон жерден таксини күтүп, Абди экөө шашылыш түштү да жолго чыгышты. Баарына кол шилтеген Сейденин колунда кудайга шүгүр акчасы бар, рублдин бапыраган маалы. Жүз миң сомду койнуна катып кетип жаткан. Түнкү саат он экилерде кар жаап турган, бир кезде тайгаланып кайра түзөлүштү.

- Этиет боло гөр садага, эптеп аман-эсен жетип алалы, - деди Сейде жүрөгү опкоолжуй.

- Коркпоңуз эже, мындай жолдо далай жүргөм, унчукпай кудай деп отура бергиле, - деп оозун жыйгыча кандай болуп кеткенин эч кимиси сезбей да калышты…

Түн бир оокумда башы ооруп ойгонгон Кубандык жанында аялынын жок экенин билип: "Түндө кайда кетмек эле, эшикке чыккан го", - деп көпкө жатты, анан туруп барып серванты карап жарым бөтөлкө аракты көрүп, стаканга куюп жутту да, кайра жатты, ошол бойдон тургусу келбей: "Кайда кеткен бу, мен келгенде жок болсо керек, эч жакка кетчү эмес эле го?", - деп ойлонуп жатып уктап калды. Ойгонсо күн көтөрүлүп калыптыр, туруп барып дагы бирди куюп жутуп эшикке чыкты, эч дайыны жок, ажатканага барып келип идиштерди карап тамакты көрдү, газды күйгүзүп койду да кайра сыртка чыгып, эки жакты карап туруп: "Тамак кайнап кетти го", - деп үйгө кирди. Жай отуруп тамактанды, арактан жутуп алып, анан диванга чалкасынан түшүп жатып алды. Түш оой анын каалгасы такылдаганынан чыкса эки адам туруптур.

- Ас-сало-ому алейкум!

- Ал-леким салам, келгиле…

- Сурабалдиева Сейдекан сиздин аялыңызбы? - деди бири.

- Ооба-ооба… - Кубандык эмне болуп кетти дегендей аларды таңдана карап калганда, - Түндө Төө-Ашууга чыгып баратып, аварияга учураган экен, оор жарадар болуптур, шофер ошол эле жерден өлгөн. Дагы бирөө бар экен, Борбиев Абди деген, сиз билбейсизби? - деди эле Кубандыктын башы маң болуп, туруп калды.

- Аякка эмнеге барыптыр? - деди анан өзүн кармай.

- Биз кайдан билебиз, Борбиев Абди дегенди билбейсизби?

- Ал биздин эле коңшу го, ал эмне кылып жүрүптүр? - Кубандык эси оой сурай берди.

- Биз анысын билбейт экенбиз, сиз ооруканага барыңыз, - деди да жөнөп кетишти.

Ошентип эртеси түштөн кийин Сейденин сөөгүн алып келишти, коңшусу Абдинин да туугандары алып келип үйүндөгү аялы ыйлап-сыктап кала берди. Кубандыктын жүрөгү муз менен таш боло: "Эмнеге мага айтпай шаарга жөнөдү, жанында Абди эмне кылып жүрөт? Демек экөө соо эмес, менин башымды аттап аны менен качмак болгон экен да", - деп көзүнөн жаш чыкпады.

Уул-кызы, куда-кудагыйлары келип, ызаат-сыйын жасап, үчүнчү күнү жерге беришти. Ыйлап-сыктаган уул-кызына эч нерсе дебеди. Кышында суук болгондуктан боз үйдү бүгүп салышты. Он-он беш күндөн кийин Жазира кетти, андан кийин уул-келини кетип, өзү жалгыз калды, ошондо гана Кубандык Абдинин үйүнө барды, аялы Зарина аны жакшы кабыл алды.

- Куран окутуп коеюн дедим эле карындаш, келе албай жаттым, - деп жайылган дасторкон четине отура калып куран окуду.

- Рахмат аке, - деди Зарина чай сунуп жатып.

- Жакын туруп, бата кылбасам болбой калбайбы, бул пендечилик парз, карындашым, - Кубандык кара кийинген келинди ойлуу карады, жупуну кийинсе да, жүзү мээрим чачыраган жылдыздуу келинди көз айрыбай карап туруп, - Зарина, Абди шаарга эмнеге баратты эле? - деди.

- Аке, сиз эчтеке билбейсизби? - Зарина муңдуу көзүн жалжылдата аны карай жооп берди.

- Эмнени?

- Сейде эже экөө көптөн бери…

- Калп! - деп ийди Кубандык болгон үнү менен, чоочуп кеткен келин унчукпай туруп калды, - Сен кайдан билесиң?

- Эл турат, бир мен анан сиздин кулагыңызга жеткен эмес, кечинде гана Абди келип, ачыгын айтып аны сүйөөрүн, экөө шаарга биротоло кетээрин айтып кеткен.

- Сен эчтеке деген жоксуңбу?

- Менин сөзүмдү укчу эмес, менин жетимдигим ал үчүн күнөө эле, алты балалуу болгуча бир дагы жакшы сөзүн укпадым, - Зарина муңкана өңгөчүн тарта ыйлап, томсоруп отурду.

- Акмактар! - деди да Кубандык ордунан тура жөнөдү, - мейли карындашым, мен эмне дээримди билбей калдым, бирдеме керек болсо балдарды жөнөт, жардам берип турам, - деди да чыгып кетти.

Өлгөн адамды эмне деп тилдеп, эмне деп урушаарын билбей кыжаалат болуп, эмне кылаар айласын таппай жатты: "Эн-неңди, койнуңда жаткан аялың төшөгүңдү тебелеп жатса, эчтеке билбей дүнүйө жыйнайм деп, күндөп-түндөп менин ишенип байкабаганымды кара", - деп жинденип жатты. Аргасыз кыркын өткөрдү, эки баласынын кадыры деп, өзүн-өзү кармап жүрдү. Сейденин Абди экөө кетип жатып авария болуп өлгөнүн, эл ичинде ар кандай ушак, дуу этип басаңдады.

- Сейденин үйүнөн чыкпай калган, балдарын бакпай эле кара курсагы үчүн анын үйүндө ишин жасап жүрүп, азгырылып алды, кудай жазалайм десе өз эрки да, - деди жакын эле коңшусу, - Кийинчерээк түндөсү чыгып баратканын көрүп жүрдүм.

- Шерменде десең, аял башы менен эринин көзүнө чөп салып, күнөөгө батты да, ынсапсыздыгын карачы, баарын таап берген эри турат.

- Абийири төгүлдү, эмне болду? Эркек го мейли, илгертен эле эркекке ишенгиче, эки босогоңо ишен деген сөз бар го?

- Ошону айтпайсыңбы?

- Кубандыктын башы көтөрүлбөй калды, байкуш.

- Бир кишинин кулагы кер деген чын да, эчтекени байкабаганын кара, - дешип аялдар чогулган жерде кеп-сөз болуп жүрүп, акырындап унутула баштады.

Кубандык аялынын кылыгын тирүүсүндө билбегенине өкүнүп: "Мейли, эми мен Жамийлага үйлөнөм", - деген чечимге келди да Турусбекке жолугуп кайын журтун сурамжылап келип, ачык эле сүйлөштү. Ал аялына кеңешип көрмөк болду. Эртеси Турусбек өзү келди да, ага:

- Аракет кылсаң болот, биздин үйгө эле агаңды жөнөт, - деди.

- Болду анда, акем менен жеңем барышат, - деди да өзү балдызынын үйүнө барды. Ал ыйлап-сыктап жездесине чай койду.

- Кенже, мени кечир, үйлөнбөсөм болбойт, - деди үңкүйүп.

- Өзүңүз билиңиз жезде, менде эмне сөз, - деди Кенже.

Ал дагы элдин сөзүн угуп, Абди экөөнүн качып баратып өлгөнүнө ичинен намыстанып жүргөн. Ашыкча сөз да айталбады. Аерден чыгып, Кубандык агасынын үйүнө келип, оюн айтты эле алар макул дегенден башка эч нерсе дей алышпады. Эки күндөн кийин Турусбектин үйүнө Амандык менен Сурма келип, сүйлөшүп отурушту. Жамийланы көрүп, ичинен ар кайсыны ойлогон Амандык сөздү бүтүрүп, анан Кубандыкка келди. Бир-эки жолу сүйлөшүп эле, баш кошуп алышты. Ата-энесин чакырып, кийит кийгизип, калыңына бир жылкы, бир уй беришти. Кубандык сүйүнүп, кымыңдай Жамийланын жанынан чыкпайт. Шаарга уул-кызына телефон чалып айтып коюшту. Алар сабактарынан бошой албагандыктан келе алышкан жок, Жазира почтого чакырып, телефондон атасы менен сүйлөштү.

- Ата, - деген ал, нааразы боло, - Жок дегенде жылдыгына чыдасаңыз болмок, үйлөнгөнгө жетишет элеңиз го? - Ыйлаганы билинип турду.

- Кызым, мени түшүн, үйдө жалгыз эркек кишиге жаман экен, силер мени кечиргиле, балдарым.

- Ата, капаланбаңыз, бирок туура эмес кылдыңыз, кутула албай жаткандай болуп…

- Кой кызым ыйлаба, апаң өлбөсө аял алмак белем?

- Мейли ата, жакшы тургула, - деди да турбканы коюп койду.

Кубандык ойлуу үйгө келди, Жамийла жаркылдай тосуп алды.

- Кандай, сүйлөшүп келдиңби?

- Ооба.

- Эмне, капаланттыбы?

- Жо-ок.

- Анда эмне сабырың суз?

- Чарчадым, жалгыз зериккен жоксуңбу, жаным?

- Эмнеге, үй жумушунан зериккен аял кантип болсун, сени күткөндөн тажабай эргип иш жасадым.

- Асылдын асылдыгын жаныңда турганда билбейсиң деген чын да, эми кандай болсо да жаныңдан чыкпай күнү-түнү бирге болооруна ишенбей турам, жаным, - Кубандык Жамийланы кучактап алып өөп койду, - Мен аялымдын өлөөрүн деле билбей сени бир көргөндө эле ашык болуп калып айламды таппай жүргөмүн.

- Койчу, чын элеби? - Жамийла наздана кыт-кыт күлүп койду.

- Ырас айтам, же жолугуунун амалын таппай жүргөндө…

- Аялыңды сүйчү белең?

- Билбейм, жаш кезде агамдар үйлөнтүп койгон.

- Ушунча жыл жашасаңар, бир да жолу сүйүү жөнүндө бири-бириңе айткан жок белеңер?

- Жок, жумушка кетем, кеч чарчап келип жатып калам, ошентип жүрүп, убакыттын кандай өткөнүн билбей калдык.

- Менин оюмча, сен аялыңа көңүл бурбагансың, ошондуктан ал өзүн башка бирөө менен качууга даярдаган тура, - деди ойлуу.

- Эмнеге, ал ошондой ойлонуп жүргөндүр, тапканымдын баары ошонун колунда, күнү-түнү жанталашып иштедим, балдарыбыз үчүн дүнүйө жыйдым. Кыска ойлонбосо, андан ким талашмак эле…

- Балким, ал сенден башканы күткөндүр, өзүн аял катары сүйүүңдү каалагандыр, сен аны байкасаң да байкагың келбегендир.

- Ким билет, улгайдык, тапкан ташыганды ошолорго де….

Кубандык ойлоно калды: "Сен мени сүйдүң беле, же жөн эле үйлөндүң беле?" - деген Сейденин бир жолу айткан сөзүн эстеди: "Байкуш десе, ошондо аны Абди сүйөм деп койгон окшойт, акылы кыска бечарам, эми тиги дүйнөдө дагы экөөңөр чогуу жүрдүңөр бекен", - деп ойлонуп калганда, Жамийла анын мойнуна колун орой отуруп калды.

- Сен чындап эле ага сүйүү, рахат тартуулай алган эмессиң, - деп жылмая өөп койду.

- Башка сөзгө өтөлүчү. Кана сен мени сүйөсүңбү? - деп Кубандык анын жүзүнөн аймалай кетти.

- Жо-ок, мен сени сүйбөйм!

- Эмнеге, мен сени сүйүп жүрүп, араң жетпедимби?

- Ишенбейм, жөн эле азгырылгансың.

- Калп айтпа, мен сени сүйүп калгамын, бир көргөндө эле, Турусбекке айталбай койгомун, сен болсо, ичимди бышырып гана жүрө бердиң, чиркин…

- Эмне, мени сүйүп калыпсың деп, өзүм келишим керек беле? - Наздана күлүп калды, көздөрүн ирмегилей караганда улгайып калса да, баладай ойноок, кыздардай кыялкечтиги байкалып турду.

- Асылым, мен жетпейм деген бийик мунара болчусуң, ушуга шүгүр, сени мага кошуп койгон кудайга ыраазымын! - деп куурчактай ичке белинен алып, имере диванга жыгып алып мойнунан, төшүнөн өөп жатканда, ал аны акырын түртө тура качты.

- Кардым ачты, бирдеме ичеличи, кел андан көрө колуңду жууп келе кал, - деди да тамагын стол үстүнө жайып алып келди.

Экөө кобурашып, күлүп, жаш кездегидей каткырып күлүп, тамактанып отурганда, эшиктен кобурашкан үндөр угулуп кирип келе жатышты. Бул Кубандыктын досу Эстебес болчу, ал көп жылдар бою совхоздун парторгу болуп эмгектенип келген. Кубандык экөө жакшы дос болуп, үйбүлөлөрү менен катышып жүрчү, алардын үйү райондо болгондуктан батага кийин бир келип кеткен эле. Районго эки-үч жыл мурун эле көчүп кетишкен. Тура калып карай коймок болгон Кубандык досун көрүп, кучак жайды:

- Оо-ой дос, келгиле-келгиле!

- Кандай досум, ак жоолук кут болсун!

- Рахмат-рахмат, Акылжан аяш кандай, куш келипсиңер биздин үйгө! - деп бакылдап Акылжан менен учурашып, үйгө ээрчишип кирип келишти.

Эстебес кирип келип эле Жамийланы көрө селдейип туруп калды, анын оозуна сөз кирбей нес болуп турганда Акылжан:

- Жакшысыңарбы? - деп Жамийла менен учурашып, ала келген жоолугун башына салып, - Ак жолтой бол, аяшым менен карыганча кол кармашып, бирге жүргүлө, бактылуу болгула, - деп Жамийланы өөп коюп, отуруп калды.

Селдейген Эстебес Кубандык нукуганда гана баш ийкей учурашкан болду да отуруп калды. Жамийланын абалы андан кем эмес эле, бул эки адам бири-бирин сүйүп, алдынан ташкындаган дайра, жалындаган өрт чыкса да кайра тартпай турган абалда болуп, аргасыз ажырашкан бир кезде. Экөөнүн көз карашын, Эстебестин өңү өзгөрүлүп кеткенин Кубандык байкап, өзүндөй көрдү, досунан кызганып турду ичинен: "Бул дагы Жамийланы бир көрүп сүйүп калбадыбы, эмнеге мынча түнөрө түштү", - деп ойлонуп алды да:

- Кана эмесе, келишиңер менен, тамактан алгыла, - деди тамакка кол жаңсай.

- Аяш, атыңар ким? - деди Акылжан.

- Жамийла.

- Тиги баштыктан белек-бечкек менен дагы бирдекелер бар эле, эгер оорчулук келбесе…

- Жо-ок жок, алып берейин, - Жамийла тура калып, тигиндейрээктеги баштыкты алып келип, Акылжанга берди.

- Бул аяшты жууп, таанышканыбыз үчүн, - деп күлө караган Акылжан, коньякты стол үстүнө койду, анын артынан конфет-печеньелерди алып коюп, калганын баштыгынан чыгара Жамийлага сунду. Эркек көйнөк, костюм-шым, мата бар эле.

- Ой, - Эстебес жаңы уйкудан ойгонгондой, - Кубандыкка калпак менен костюмду өз колуң менен кийгизбейсиңби? - деди аялына.

- Ырас эле, сен болсо нес болгондой унчукпай калдың, - деген Акылжан Кубандыкка костюмду жаап, калпакты башына кийгизди, - Мындан ары жамандык көрбө Куке, алганың менен тишиңер түшүп, таяк таянган кары болгуча бирге болгула!

- Рахмат, - деп Кубандык Жамийлага карады, - Жамийла, бул менин досум Эстебес, бул болсо аты айтып тургандай Акылжан, Эстебестин өмүрлүк жубайы, башынан бирге жүрчүбүз, бирге ойноп күлгөнбүз, кыскасы Сейдени да билишет, мындан ары дагы кудай канча жашатса, өлгүчө катышыбызды үзбөй турган адамдарбыз.

- Ооба-ооба, бизди өлүм ажыратпаса ажырабайбыз, - деп Акылжан коштоп койду.

Эстебес көзүн ала качып, Кубандыкты карап отурду, Жамийланы караса эле, анын кирпигине байланып калчудай, өзүн зорго алып отурду. Кубандык коньякты ачып, төрт стаканга куюп, алды-алдына койгондо Эстебес стаканды кармай:

- Куке, биз эми эмне дейбиз, Жамийла экөөңөрдүн бактылуу болушуңар үчүн ичип коелу, кана эмесе алдык! - деди да, эч кимге карабай алып жиберди.

Анын абалын жалгыз Жамийла түшүнүп турду, Кубандык менен Акылжанда болсо кызгануу пайда болду: "Бул Жамийланы көрүп эле сүйдүбү, эмне болоор экен, тим коеюн", - деп ойлогон Кубандык ичтен кыжаалат…

"Бир көргөндө жалдырап калганы эмнеси, адам көрбөгөнсүп, же мурун экөөнүн мамилеси бар болду бекен, жылтыңдаган өңү менен далайды азгыра турган кейпи бар экен, соо эмес, үйгө барганча чыдайын", - деп Акылжан ичтен тынды. Алар келгенде кеч болуп калган, Кубандык аларды кетирбей, конок бөлмөсүнө өтүштү.

- Өзүбүз отурган жерге эле, силерди отургузуп койгонубузду кара, шашып да, кубанып да калдык, - деп карбаластаган Кубандык алардын жанына отурду. Жамийла жаңыдан тамак жасап, ашканага кирип алып, көз алдына өткөн күн тартыла шалдайып отура калып, көз жашын шыпырып алды…

***

Жамийла мектепти жаңы бүтүп, окууга тапшырмак болуп Фрунзеге барган, пединститутка тапшырып, өтпөй калып, аудиториянын алдындагы отургучта, ыйлап отурган болчу, бир кезде жанына бир жигит отурду да:

- Чоң кыз, кулап калдыңызбы? - деди акырын.

- Ооба.

- Капаланбаңыз, быйыл болбосо, келээрки жылы өтөсүз, ага чейин жакшылап даярданып алыңыз, айылга барып окуп, катуу даярдык көрүңүз.

- Жакшы эле даярданып келгемин, такалбай жооп бергем, мени кулатып койду, - деп ылым санай жигитти карады, - Бардыгына жооп берип чыккамын, - Көздөрү жалжылдап, кирпиктери төгүлө жашы жүзүнө кургай түшкөнгө, ого бетер сулуу көрүнүп, жигиттин жүрөгүн зырп эттирип алды.

- Кое турчу, жакшы жооп бердим дедиңби?

- Ооба, жакшы деген болчу.

- Анда кое тур, мен кирип чыгайын, баса атыңды сурабай эле, менин атым Эстебес, - деп колун суна жылмайды.

- Жамийла, Үсөнбаева Жамийла, - деди кыз томсоруңку.

- Сен мени күтүп отура тур, мен кирип чыга калайын ээ? - деген Эстебес ылдамдай басып аудиторияга кирип кетти. Жамийла көпкө күттү, үмүтү үзүлө туруп, кайда бараарын билбей турганда:

- Жамийла, жүр биякка, - деген Эстебестин үнүнөн жалт карай берди, - Бол эрте, декан чакырып жатат!

- Чынбы? - деген Жамийла жадырай жүгүрүп баратканын өзү да сезбей, Эстебестин жанына жете келди, - Чын эле чакырдыбы?

- Ооба, бас тезирээк.

Экөө ылдамдай басып декан Жусуп Кудаяровичтин кабинетине түз эле кирип келишти. Аларды көзүнүн төбөсү менен караган профессор:

- Отургула, - деп койду да, кагаздарын карап көпкө отурду, - Жамийла, сен жакшы жооп бердиң беле?

- Ооба агай, баарына эле жооп бергемин, жакшы деген болчу, - Кыз тынчы кете профессорду үмүттүү карап калды.

- Эмнеге бул жерге суроо коюп койгон, мен сураштырайынчы, сен эртең келип, мага жолук макулбу, азыр бара бер, - деди да Эстебеске карады, - Сен кимиси болосуң?

- Мен… мен агасы болом, - Эстебес такала калып жооп берди.

- Бара бергиле, суроолорго жооп берип чыккан абитуриент калып калбаш керек, мен сүрүштүрөм, агаңды ээрчитип албай, өзүң кел, чечебиз.

- Рахмат агай, - деген Жамийла кубана кабинеттен чыгып кетти.

Эстебес аны менен чогуу келе жатып:

- Эмнеге өзүң эле кел дейт? - деп күдүк суроо берди.

- Билбейм, иши кылса жакшы жооп алсам эле болду, - деди Жамийла жылмая, анын көздөрүндө бакыттын оту жайнап, - Сизге рахмат, - деди күлүмсүрөй.

- Эч нерсе эмес, сиздин көңүлүңүз ачылса, мен ыраазымын.

- Сиз дебей, сен деп эле айтсаңыз, - Жамийла уялыңкы аста айтты муну.

- Макул Жамийла, мен айыл чарба институтунда окуйм, төртүнчү курста, буйруса жолугушуп туралы ээ?

- Ма-акул, - деди Жамийла жалжылдай карап, - Мен Кызыл-Аскерде эжемдикинде турам.

- Жакшы анда, жүрү бир жерден чай ичели.

- Жок-жок, рахмат, мени эжем менен жездем күтүп калды, тез эле келем дегемин, кечиксем кыжаалат болушат.

- Мейли анда, узатып коеюн.

- Өзүңүз билиңиз, - деди Жамийла жай басып баратып.

Экөө аялдамага чейин сүйлөшүп баратышты…

***

Жамийланын оюн Кубандык бузуп жиберди.

- Тамагың быштыбы, эмнеге кирбей отуруп алдың?

- Колум бош эмес, азыр кирем, тамак бышайын деп калды.

- Кой жүр, коноктор таарынат, биз менен чогуу отур, - деди да колтуктап алып кирди, - Менин кожейкем колу бошобой жатыптыр, - деп отургучка отургузду да, - Кана Жамийла, аяштарыңды бир алдырып кой, - деди өзүнүн ордуна отуруп жатып.

- Ооба Жамийла, сүйлөп кой, эми аяш-адаш болуп калдык, мындан биякка жамандык, жакшылыкта буйруса бирге болобуз, жакшы сөз сүйлөп кой! - деп Акылжан шакылдап, бир аз ичкенге албыра Жамийлага карап сүйлөдү.

- Сүйлөп кой, аяш, - Эстебес бош айтты, ал өзүн зордоп сүйлөдү, ушул учурда анын да көз алдында Жамийла экөө басып өткөн күндөр тизмектеп өтүп, жанын койоорго жер таппай турган, - Ырдап койсоң деле болот, - деди кайра жылмая.

- Мейли, сүйлөсө сүйлөйүн, адегенде өзүм жөнүндө айта кетсем, ашыкча болбос, - дегенде Эстебести бир карап койду эле, анын жүрөгү болк этип кетти, - Мен Жети-Өгүзгө турмушка чыгып, күйөөмдү бала төрөп, кубанта албай он төрт жыл жашадым, акырында ага айтпай баса берип, жети жыл жүрдүм үйдө, анан бу киши жуучу жибериптир, жок дебей баш кошууга макул болдум, - Үчөөнү жал-жал карап, - Минтип силерге аяш болуп отурам, - деп күлүп койду да, ойлуу сүйлөп кирди, - Силерге кааларым, ар дайым уул-кыздарыңардын урмат-сыйына ташып, бактылуу ата-эне болуп, бизге окшогон дос-аяштар менен ынтымакта ызаат-сыйда жүрө бергиле, биз аман, эл аман дегендей ушул ынтымак солгундабай күчөй берсин!

- Жамийла, жакшы сүйлөдүң, эми ырдап кой, - деди Акылжан.

- Адегенде менин тостумду алып ийгиле, анан көрөм - деп, Жамийла сырдуу күлүп койду.

- Эмесе Жамийланын жакшы сөздөрү үчүн алып ийели, - Акылжан күйөөсүнө карады, - Ушундай аяшка жолуккан Кукеге рахмат, кана алдыкпы Эсеке? - деди да алып ийди.

- Сөзсүз да, - деген Эстебес нымтырай алып ийди.

- Кана Жамийла, аяштарың күтүп калды, ырдап кой, мен дагы үнүңдү угайын, - деп Кубандык аны сүрөп калды.

- Макул ырдаса ырдап берейин, - деген Жамийла тамагын кыра, бир азга буйдала түштү да:

"Ак сүйүүгө кабылбаган ким бар экен.

Балалыкта сүйүүдөн жабыркадым.

Айрылбайм, ажырабайм деген менен

Тагдырым бөлүп салды, алыс калдым, алыстадым… - деп созуп барып токтоду.

- Ой азама-ат десе, мен тандагандан жаңылбапмын ыя, кандай дейсиңер, Жамийла сахнадагы артистерден кем калбайт турбайбы ыя? - деп Кубандык туруп келип, аны эки бетинен өөп, - Тааптырмынбы дос? - деди Эстебести карай.

Ал Кубандыктын сөзүнөн селт этип алды, ал баятан бери өзүнчө ойдо отурган.

- Иий таппай анан, туура тандагансың, - деди аргасыз ыржая күлүп, - деги сенин тандооң ар дайым туура болуп чыгат.. - Эмне деп сүйлөгөнүн да байкабай Жамийланы жалт бир карап алып Акылжанга карады, - менин Акылжаным да Жамийладан куру калбайт, угуп көрөлү ырын.

- Койсоңчу, мен Жамийлага жетпейм го? - деп Акылжан наздуу бырс эте күлүп койду.

- Мен Акылжандын ырын угуп эле жүрөм го, ырдап кой аяш.

- Мен эмне сахнада ырдап жүрдү дейсиңби, сендей элемин, ырдап коем кээ-кээде, бол эми сенин ырыңды угалы, - Жамийла Акылжанды карап баш ийкеп калды, - Күтүп жатабыз.

- Макул эми, ырдаса ырдап берейин:

Бирге жашап, бирге өмүр сүрөлү.

Гүл өмүрдү, бирге басып өтөлү.

Балдарыбыз ата-апа деп турушса.

Андан өткөн бакыт барбы, айтчы деги сүйгөнү-үм! - дегенде үчөө кол чаап жатышты.

Жамийланын жүзү сумсая: "Мен ким үчүн жашап, ким үчүн кубанам, булардын балдары бар, мага эмненин кубанычы?", - деп ойлонуп отурганда, Акылжан менен Эстебес өзүнчө шыбыраша калгандай болду.

- Силерге эмне болду, кетебиз дегени турасыңарбы? - деп Кубандык аларга суроолуу карады.

- Жок-жок, биз силерге бир жакшы жаңылык айталы дегенбиз, - деди Эстебес.

- Кандай жаңылык?

- Жакында келиндүү болгонбуз дос, сен кайгырып турганда айта албадык, кудайга шүгүр, жакшы экенсиң, келинибизди силерге кыз кылып берели дегенбиз.

- Өкүл ата коесуңарбы?

- Ооба.

- Сени туура көрдүк, мурун эле ойлонуп жүргөнбүз, анан мындай иш болуп кетти.

- Ой атасынын гөрү, уктуңбу Жамыш, биз өкүл ата, өкүл апа болот экенбиз, кыздуу болобуз буйруса, - Кудуңдаган Кубандык Жамийлага карап, кубанычын жашыралбай турду, - Андай болсо эртең эле кызыбызды көргөнү барабыз!

- Куттуктайм, - деп Жамийла Кубандыкка жооп кыла жылмайды.

- Рахмат силерге, биз айтып койдук, барыш-барбаш ал өзүңөрдөн. - Эстебес жанагыдан жандана түшкөндөй бакылдай баштады, баятан бери ичкен арактын касиетиби же ойлонуп акыры экөөнүн ортолугу эки кадам болуп турса да, кошула албасына өкүнө кайдыгер мамилеге өткөнүбү, ким билет, ачылып сүйлөй баштады. - Келиним жаңы шайланган айыл өкмөтүнүн кызы, юрфакта окуйт экен, менин уулум да ошондо окуйт эмеспи, экөө табышып алыптыр.

- Жакшы, ыймандуу келин болсун Эсеке, биз балдарды бактык, эми ошолордун урмат-сыйына татыйлы, улууну урматтаган уул-келин болсунчу дос.

- Айтканыңар келсин, силерди өкүл ата, өкүл апа коюп, ого бетер жакындап калалы деп жатпайлыбы? - шакылдаган Акылжан аларды карады, - дос айрылат, сөөк кайрылат дегендей келинибиз аркылуу куда болуп калабыз да, - деп күйөөсүнө бурулду, - Туурабы Эсеке?

- Туура-туура.

- Мен тамакты карап келейин, бышкандыр, - деп Жамийла ашкананы көздөй чыгып кетти.

Түнү бою биригип, ичип-жешип таңга маал жатып калышты. Күн чак түш болгондо араң козголуп Кубандык менен Эстебес баш жазып алып, сыртка чыгышты, эки аял үйдө. Жамийла үйүн жыйыштырып, тамак-ашын алып келди, Кубандык өзү муздаткычтан коньякты алып чыкты.

- Мен муну өкүл ата болгонум үчүн бузам.

- Тим эле койсоңчу Куке, ансыз да кечинде көп болуп кетти, бүгүн ооруп калыптырмын, - Акылжан көргүсү келбей оозун басты, - Жүрөк айланып зорго турам.

- Эчтеке болбойт, силер келиндүү, мен кыздуу болуп отурсам, кантип ичпей коебуз, айткылачы?

- Туура, Кукем туура айтат, биз эмне бири-бирибиздин кубанычыбызды бирге бөлүшкөнүбүз сага жакпайбы? - Эстебестин кызуулугу тарабай эле, кайра мас боло түшкөн.

Кубандык коньякты ачып, стакандарга куйду.

- Кана эмесе келиниңер, менин кыз-күйөөмдүн бактылуу болушу үчүн алабыз.

- Уул-кыз, келин менен күйөө балдарыбыз бактылуу болушсун!

- Балдардын бактысы үчүн!

- Аларды баккан силер дагы аман болгула, - Жамийла аларга жылмая карап алып ийди.

Дагы түш оогуча отурушту, ошол кезде Асек аялы менен келип калды, беркилер ортодон жогору кызуу эле.

- Куш боо бек болсун Куке, - Асек кош колун суна учурашты да, Жамийлаларга карап, баш ийкеп койду.

- Келгиле Аске, келгиле төргө өткүлө, - деп төрдөн орун көрсөтүп, Кубандык ордунан тура калды. Аялы баш ийкеп учурашты да, баштыгынан жоолук, көйнөк алып чыгып, Жамийлага жоолук салып, үстөл үстүнө бир бөтөлкө арак менен таттууларды коюп:

- Бактылуу болуп, көп жашаңыздар, - деди.

- Рахмат, айтканыңар келсин! - Жамийла аларга ыраазылык билдире жоолуктарды ары коюп, чай сунду.

Кайрадан жаңы тамак жасашып, коноктордун алдына жаңылап нан коюп, жакшылап кабыл алып, сүйлөшүп отурушту. Ал күнү да, кечке келгендер көбөйүп жатты, Эстебес менен Кубандык өтө кызып калып, уктап калды. Акылжан зорго отурду, бул бойдон жолго чыга алышпасын билип унчуккан жок. Асектер көпкө отуруп, тамак ичип, анан кетишти. Жамийла да кызып калган, Акылжан экөө да алар кеткенден кийин жатып калышты.

Ошентип бекерчиликте үйлөнгөн Кубандыктын аялын көргөнү алыс-жакындары келе берип ичкиликтен башы чыкпай кыйналып калды, ал кийин иче албай да калды. Арадан бир жумадай убакыт өткөндө, Кубандык агасы Амандыкка кеңешип, өкүл кызга таанышып келүүгө төртөө жөнөштү. Бир тайды жетелеп алып, районго барууга машина сүйлөшүп, жетип барышса, алар үйүндө экен. Тайды түшүрүп, эшиктин алдына байлады да, Кубандык бакылдап жатты:.

- Адегенде мага кызымды көрсөткүлө, көрүндүгүнө бир тай!

- Болду-болду, Куке!

- Мына кызың, - Акылжан күлө Алиданы алып чыкты, - Мына кызың.

- Саламатсызбы? - деп Алида аларга карап калганда, Жамийла Алиданын бетинен өптү, Сурма дагы өөп, андан кийин Амандык чөнтөгүнөн акча алып чыкты.

- Кубандыктын кызы биздин да кызыбыз, айла-анайындар, бактылуу болгула! - деп колундагы акчаны сунду Акылжанга, - Кызымдын көрүндүгү.

- Рахмат аке, үйгө киргиле, - деп киргизип келатканда, уулу Жанат келип:

- Ас-салоому ал-лейкум, келиңиздер аяш ата? - деп учурашып үйгө киришти.

- Аз-замат балам, эми сен менин күйөө баламсың, уктуңбу Жанат? - деп Кубандык Жанатты далыга таптап койду.

- Уктум-уктум, аяш ата, - Жанат күлүп калды.

Ошол эле арада Эстебес акимчиликте иштеген досун чакыртып ийди. Алар келгенде тосуп алып:

- Досумду келиниме өкүл ата койдум эле, көрүндүгүнө тай жетелеп келип калыптыр дос, коноктор менен отуруп кеткиле, Кубандык Жети-Суу колхозунда, көп жыл зоотехник болуп иштеген, - деп үйгө ээрчитип кирди. Алар жайланышып отурган кезде, куурдак келип, аны менен бирге кыргыз коньяктарынан үчөө койкоюп, дасторкон четинде турду. Деги эле Кубандык менен Эстебес көбүнчө коньяк ичишчү. Жалаң коньяк ичкенге, Жамила башым деп эшикке чыгып кетти, аны менен Акылжан чогуу чыгып, муздак сууга бети-колун жууп, эс алышмак болду.

- Акылжан, кайнагамдын көзүнчө ичкеним уят эле болуп жатат, кечээ эле келсем, кандай неме тастаңдаган дебейби, эми ичирбей эле койгулачы ээ? - деди жалооруй, - Өзүм деле иччү эмес элем, Кубандыкка келип ичип жатам.

- Эчтеке болбойт, ичпегенде эмне, жашыбыз бир топко келип, биз деле улгайып баратабыз, урмат-сыйды көрөөр кезибиз да.

- Ошондо деле, же төрөгөн балам жок, Кубандыктын балдары мени кандай кабыл алат билбейм, баары бир жакшы көрбөйт эмеспи, мен го өз баламдай эле карайм дечи, эми Алиданы өзүмдүн кызымдай карайын, колумдан келгенинче күтөм, - деген Жамила тунжурай түштү, - Үйгө барып кеңешебиз да, үйгө чакырып алайын, кандай дейсиз?

- Эмки жумада окуусуна кетишет, анан экзамен тапшырып, жайында келишсе, ошондо чакыргыла, бир-эки айдан кийин, макулбу?

- Макул, кызы менен баласы да келип калаар. Баса, кызын төркүлөтөм деп жатат го, ошондо эле чогуу чакырып алсак кантет, алар менен тааныштырып коебуз да? - Жамила сүйүнгөндөй Акылжанга карады.

- Ошондой кылсаңар болот, жайдын болуп-толуп турган кезинде. Кубандыктын кудасы министрликте иштейт экен, эс алып кетишет го?

- Жайлоого үй тиктирем дейт Кубандык, силер дагы чогуу болосуңар да.

- Сөзсүз барабыз, жүрү эми эт бышып калды, үйгө кирип отур, - экөө ээрчише кирип келгенде, Эстебес менен Кубандык абдан эле кызуу болуп калган экен, бири-бирине сөз бербей бакылдап жатышыптыр. Жамила четке келип отуруп калды. Колго суу куюлуп, семиз этти табак менен алып кирип, улуулата жилик койду, артынан үстүнө эт тууралган аш келди. Табакка улуусунан мурун кол салбай, Эстебес ызаат кыла Амандыкка карады:

- Оокатка караңыз аке.

- Биссимилла, - деп Амандык алдындагы баштан кесип ооз тийди да, Кубандыкка узатты.

- Биссимилла, - деген Кубандык баштан ооз тийип, Жанатка узатты эле, ал бузуп туурады да кыдырта келди.

Бакылдашып сүйлөшүп отуруп, тамак ичилип бүткөндөн кийин Жанат менен Алиданы чакырып бата беришти.

- Балдарым, ылайым кармашкан колуңар ажырабай, кадам таштаган алгачкы жолуңар узак, байсалдуу болуп, бир түндүктүн астында карып-арып, уул-кыз өстүргөн ырыстуу ата-эне болуп жүрө бергиле, Оомийин алооху аквар! - деп Амандык бата кылганда.

- Айтканыңыздар келсин, куш келипсиздер! - деди Эстебес менен Акылжан.

Колго суу куюлуп чачыктар берилди. Конок узатуу ырасымын кылып, Амандыкка сый чапан жаап, калпак кийгизишти, Сурмага дагы чапан кийгизди. Кубандыкка үч миң сомдук костюм-шым, бир сыйра, калпак, Жамийлага пальто жаап, чоң жоолук салып, баркуттун жаңы чыкканынан кийгизди. Жапырт сыртка чыккандан кийин Жанат менен Алиданы жанына чакырып алып Кубандык.

- Балдарым, атаңдан кийинки атаң элем, эми кайнатаңдан кийинки болуп калдым, кызымды ыйлатпай жакшы күтүп ал, эми Алида Жазиден эле кийинки кызым, - деди.

- Болду аяш ата, айтканыңыздай болот, - деп Жанат күлүп калды.

Жамийла дагы Алиданын бетинен эки өөп:

- Жакшы тургула кызым, буйруса чакырып алабыз, анан тез-тез барып турасыңар ээ? - деп бооруна кыса дагы өөп, анан машинага отурду.

Эстебес менен Акылжан кешик салынган баштыкты салып, алар менен коштошуп калышты. Ошентип, элибиздин дагы бир ыйык салты болгон өкүл ата деген ырым-жырымын кылып, көңүлдөрү жайланып, эки тарап тең ыраазы болуп, достуктун арты ушундай жакшы салт менен бүткөнгө жетине албай калышты.

Аңгыча жай өтүп, күзгө таяганда шайлоо болоорун угуп, Эстебес Кубандыкка келди, ал өзү да ойлонуп турган оюн досу билгендей келгенге кубанып турду.

- Куке, - деди Эстебес, - Сенде жокпу, азыр бары-жогуңа карайт, атасынын гөрү, жыйырма миңди төгүп сал да, кандидатурыңды коюп кой, сен иштеп кетесиң - деди.

- Ошону мен дагы ойлоп жатам, силер турасыңар, бир жылкыны союп, тууган-урукту чакырып колдоруна тыйын чачып койсоң, колдобогондо эмне кылат? - деп, экөө көпкө чейин сүйлөшүштү.

Кубандыкты эл тааныйт, ошондуктан ал өтөөрүнөн кам санабай турду. Ары-бери жүгүрүп, элдин бир тобуна жолугушуу уюштуруп, убада берип, өз милдеттерин ар бирине календарь түрүндө таратты. Атаандашы өзүнөн башка үчөө болчу, күндөп-түндөп алар деле жүгүрүп жүрүштү. Элдин маанайлары көтөрүлүп, колунда жоктору тоюнуп, оңуп эле калды. Шайлоо күнү дагы жетип келди, азандан туруп, пунктка келип, бир жолугуп кетти да үйүндө отурду. Негедир жүрөгү дүк-дүк этип тынчы кетип жатты. Түш оой Асек жетип келип, шашкалактап:

- Оой Куке, кудага келгенсип, жата бербей баспайсыңбы, сен өттүң буйруса! - дегенде калдастап ордунан тура калды, муну уккан Жамийла чыныга суу алып келип, башынан тегеретип чачты да:

- Жаман сөздөн, жаман көздөн сактасын, алгачкы кадамың ак жолтой, байсалдуу болсун! - деп бетинен өөп, кийимдерин алып келип жаңы кийгизди, - Эл алдына барасың, үстү башыңды карашат, тааныганы бар, тааныбаганы бар, - деп галстук тагып, анан босогодон чыгарды.

- Ой аяш жөн эле чоң энедей тура, айтканың келсин, - деп жылмая Кубандыкты жандай үйдөн чыкты.

Ал келгенде, өзүнүн жактоочулары күтүп турушкан экен. Жапырт саламдаша алдыга өтүп, тегерете баарын карап, ыраазылыгын билдирди. Ошентип, Кубандык айыл өкмөтү болуп калды…

Кудалары, кайын журту менен достору куттуктап келип жатты, арадан күндөр өтүп, эл аягы суюлуп калган, бир күнү түштөн кийин үйдө отурса, Зарина кирип калды.

- Саламатсызбы аке, ордуңуз кут болсун.

- Аа-а рахмат Зарина, өзүңөр кандай, балдар менен кыйналбай эле жатасыңарбы? Кел үйгө кир, жеңең эшикте жүргөн, келет азыр.

- Жок-жок аке, эл кирип жатканда да кире албадым, куру болсо да куттук айтып коеюн деп, кире калдым эле… - Зарина коомайлана отуруп калды.

- Оой ошо кантип болсун, келгениңе рахмат.

- Кел-кел, - деп сырттан кирген Жамийла аны жылуу жүз менен карап койду.

- Жамийла, бул биздин эле коңшу кыз, элди чакырганда дагы келген эмес, бүгүн куттук айтып келиптир, - деп Кубандык тааныштырып кирди, - Зарина абдан жакшы келин, алты баланы былк этпей өзү карап жатат.

- Жакшы-жакшы экен, жай отурсаң Зарина, чай-пай ич.

- Жо-ок эже, менин ишим бар эле, жок дегенде куру ооз сөз болсо да, куттук айтып коеюн деп эле…

- Эчтеке эмес, жакшы сөздөн өткөн да куттуктоо барбы? - Жамийла ага күлө карады.

Зарина кымырынып, кысына отуруп калды, Жамийла ысык жаңы бышкан эттүү тамак алып келди. Зарина унчукпай отуруп ичип, анан кетмек болгондо, Кубандык Жамийланы карады.

- Жамийла, жанагы эттен, сүзмө майыңдан Заринага салып берчи, балдарына алып барып берсин, - деди.

- Азыр-азыр, отура тур Зарина, - деген Жамийла чыгып кетип, бат эле баштык толтура тамак-аш салып келди да, колуна карматты.

- Тим эле коюңуздарчы, - деген Заринага болбой узатып чыкты, келип тур Зарина, бир нерсе керек болсо тартынбай сура, макулбу? - деп узата карады.

- Рахмат эже, келип турам, - деп Зарина жаркылдай жөнөдү.

- Карындашымдай көрөм, жардам берип турам деп коюп, таптакыр унутупмун, уялып калдым, - деп киргенден кийин Кубандык ага баарын айтып берди эле ал жылмайып.

- Мен баарын билем, - деди эле Кубандык анын сөзүнө таңгалды.

- Кайдан угуп жүрөсүң?

- Келгениме жарым жыл болду, угулат да, адамдарды билбейт экенсиң, каердеги талуу жерден кармап, жүрөгүңдөгүнү укканга ынтызар болот кээ бирөөлөр, эмне дээр экен деп тыңшап гана калышат, мен бул айылга келгени далай сынга түштүм.

- Кандай сын?

- Ушундай эле, андай-мындай деген.

- Кызык экен, ырас эле эл деген эл, жакшылыкта колдоп, жаныңда жүргөн да, жамандыкты учура айтып, табалаган да ошол эл да, жолдош айыл өкмөт. - Наздана келип мойнуна колун артып, - далай сөздү уктум, Заринанын күйөөсүнө жиним келет, мен баланын үнүнө зар болуп, кан какшап жүрсөм, жалгыз башын ала качып, жеңил жашоого кеткиси келгенин.

- Капаланбачы асылым, пенде ар түрдүү да, бизде балдар бар, балам жок деп кайгырба. Эрмектер балалуу болсо, биз алып багып алабыз, эрмек болот ээ? - деп кучактап алып диванга отуруп калды.

Кырк эки жаш, Жамийла ушул жашымда төрөп алам деп ойломок турсун, түңүлүп да калган. Бир күнү негедир эле башы айланып, тамак көргүсү келбей кускусу келгенинен: "Эмне, ооруп калдымбы, врачка көрүнсөм окшойт, Кубандыкка айтып анан барайын", - деп ойлонуп жатып алды. Кечинде келген күйөөсүнө өзүнүн ооруп жатканын айтып калды.

- Анда доктурга көрүн, эртең эртерээк бар, балким анализ тапшыраарсың, - деди үйрүлүп түшкөн Кубандык, - Ооруган жериң жокпу?

- Эч жерим деле оорубайт, болгону башым айланып, кускум келип жатат.

- Отравление болбодуңбу, ачыган тамак ичкен жок белең?

- Жо-ок, ачыган тамак турмак беле, экөөбүзгө ченеп жасайм, калса итке берем.

- Каны аздык да баш айлантып кустурат, каның аз го анда?

- Ошондой болсо керек, - деп үшкүрүнө туруп чай койду, анан суу жутуп келип, кайра жатты. Кубандык ойлонуп: "Жакында эле апасы келип кетти эле, балким пейли бузулуп, оорудум деп шылтоо кылып жатабы, мен кете тургандай деле жамандык кылган жокмун, балким чын эле ооруп калсачы, деги тынчылык болсо экен", - деп ойлоп отурганда, Жамийла чай алып келди, - тамак жасайынбы?

- Жок, өзүң ооруп жатсаң, тынч эле эс ал, кардым ток эле.

- Мейли анда, - деп койду Жамийла.

- Жата бер.

- Мейли, мен жаттым, - деп төшөккө жатып алды Жамийла, көпкө ойлонду, бирок карайлап көзү илинип уктап кетти. Түш көргөндөй болду, түшүндө эбак өлгөн чоң энеси кирип жатыптыр, ал анын жанына келип: "Кызым мынча эмнеге кыйналдың, тээтиги тоонун ары жагында бир түп жаңгак өсчү эле, ошондон бир жаңгак гана калыптыр, барып бирөө алып кое электе алып алчы, азыр жолоочулар аерден көп өтөт, алып кетип калбасын, бара гой кызым ошол жаңгакты ал!", - деп көздөн кайым болуп кетти. Чоочуп ойгонду, жүрөгү алаптап калган экен, кара терге түшүп, тура калды: "Бул эмнеси, жаңгакты алып ал дегени го мейли, алганым жок, эмнеси болсо да жакшылык болсо экен", - деп кайра жатып, ошол бойдон катуу уктап калыптыр, ойгонсо Кубандык эбак жумушка кетип, жалгыз жаткан экен. Туруп жуунду да, доктурга көрүнмөк болуп кийинип чыкты. Врач аял анын айтканын угуп:

- Анализ тапшырып анан келиңизчи, - деди.

- Макул, - деп кыскача жооп ала үйүн көздөй врачтын берген кагазын кармалап, ойлуу келатты. Ал келип тамак жасамак болуп эт туурап, май куюп, пиязды кууруй баштаганда эле окшуп кетип сыртка атып чыкты. Жакшы эле аракет кылып, Кубандык келгиче тамак жасамак болду, жытынан эле чыдай албай газды өчүрдү да, сыртка отуруп алып кусуп жатканда, Сурма келип калды.

- Сага эмне болду, дагы ичип койдуң беле?

- Жо-ок жеңе, өзүм эле кусуп жатам, эки күндөн бери, бүгүн доктурга барсам анализ тапшыр, анан көрөбүз деп койду, - деп Жамийла көздөрүнөн чыккан жашын аарчый өйдө болду, - Аппендицит болуп калбасам болду.

- Ичиң да ооруп жатабы?

- Ооруган деле жок, башым айланып, көөнүм айнып кетип жатат, минтип ооруган деле эмесмин, - Кускандан улам кыйнала түшкөн неме үйдү көздөй басты, - Үйгө кириңиз, жеңе.

- Оору жаман балам, доктурга көрүн, болбосо тамырчы бар жакшы, ошого өзүм көрсөтөм, ооруган жериңди тамырдан билип коет.

- Мейли, Кубандык келгиче тамак жасап коеюн десем, тамактын жыты жүрөгүмдү айлантып кетти.

- Мен жасап берем, сен кыйналсаң жата бер, - Сурма ага боор ооруй карады, - Ал бала келгиче мен эле жасай коем.

- Койчу жеңе, эс алып алып, өзүм жасайм, кел чай ичиңиз.

- Койбой эле, бири-бирибизге ушундайда караан болбогондо, качан? Мындай ишти жасап жүрүп картайдык го, жат, жатып эс ала бер, - деп Сурма шымалана газды күйгүзүп, тамакты кууруп кирди, ал жыт келгенде ого бетер жүрөгү айланып кусуп жатты. Эшикте өң алеттен кетип, кусуп жатканын көргөн Сурма: "Ботом, жүрөгү айланып кускан аял, кош бойлуу болчу эле, бул эзели төрөбөсө, эмнеге минтип жатат, балким үшүп калгандыр", - деп суу алып жанына келди. Жамийла көздөрүнөн жаш куюла шайы кетип, кусуп жаткан экен.

- Жеңе, кусуп жатып ашказаным жарылып кеттиби? Карасаңыз кан аралашып кетти да, - Сурманы үрпөйө карады.

- Тамагың айрылып кетти да, бети-колуңду жууп алчы.

- Бир аз эс алайынчы, - деп Жамийла ичин баса отуруп калды. Сурма колуна суу куюп берди, бети-колун жууп анан, - Рахмат жеңе, сиз болбосоңуз, мен эмне болот элем, - деп араң басып, үйгө кирди да жатып калды. Жатып көзү илинип кетти, ал уктап кеткенде, Сурма карап Кубандык жумушунан келгиче күтүп, отура берди. Жамийла болсо уктаган бойдон кыймылдабады. Кубандык кеч келди. Ал жеңесин көрүп:

- Жеңе, Жамийла жок бекен? - деди босогодон эле.

- Акырын, уктап калды, кусуп кыйналып калган окшойт, мен келгенден кийин дагы аябай кусту, сууктап калган го?

- Үйдө эле отурса кайдан сууктамак эле, ашказаны ооруп калса керек?

- Билбейм, тамактын жытынан жүрөгүм айланып жатат, жасай албай койдум дегенинен мен жасап жатсам дагы аябай кусту, кой мен кетейин, жалгыз калтыралбай карап отурдум, - деп Сурма туруп баратып, - Тамак даяр бала, - деди да чыгып кетти, Кубандыктын отур дегенине көнбөдү.

Ошол бойдон Жамийла эртеси түштө ойгонду, анализ тапшыралбай калганга кейип, сыртка чыгып келди, жүрөгүнө эчтеке баспай ачуу пияз жегиси келди, ашканага кирип, Сурма жасаган тамакты көрүп, ичкиси келди. Бирок, көңүлү айный пияз алып, кайра чыкты да, аарчып жей баштады, ачуусун да билбей, нан менен жей берди. Бир кезде караса, беш-алты баш пиязды жеп коюптур, карды тойгонсуп кайра жатып уктап калды. Андан кабар алганы келген Сурма уктап жатканын көрүп: "Байкуш мунун боюна болуп калган го, капырай төрөбөйт деген неменин боюна болуп калса жакшы го, пиязды жеген окшойт, жыйнаганга да үлгүрбөптүр", - деди оюнда. Анан козголуп, эми кетейин деп турганда, Жамийла ойгонуп калды.

- Жеңе, качан келдиңиз эле?

- Бир топ болду, катуу уктап калыпсың.

- Билбейм, карайлап эле уйкум келет, ачуу бирдеме жегим келип, пиязды нан менен жедим.

- Кускан жоксуңбу?

- Бүгүн куспадым.

- Капырай, сенин боюңа болуп калган го анда?

- Ыя?! - Жамийла чоочуп, элейе карап калды абысынын.

- Ким билет, боюнда бар аял ошентчи эле, доктурга бардыңбы?

- Жо-ок, катуу уктап калыптырмын, эрте барып, анализ тапшырыш керек эле да, - деди ойлуу Жамийла.

- Этиет бол эмнеси болсо да, көрүнүп көрчү же мени менен барып, тамырчыга көрүнүп көрөсүңбү?

- Билбейм жеңе, шалдырап уйкум эле келет, эртең барайынчы, - деп көңүлсүз болуп койду.

Сурма бир аз отуруп кайра кетти, ал кеткенден кийин Жамийла дагы пияздан туурап алып, туз сээп, нан менен жеп кирди. Өзүнө-өзү таңгалды: "Ачуу жегеним кызык, мурда дегеле пияз жеген эмес элем, же ырас эле боюмда барбы, эзели төрөбөсөм, кантип боюма болмок эле, оорусам пиязды эмнеге жегим келет?", - деп ойлонуп жатып, кайра уктап калды. Кеч күүгүмдө Кубандык келип анын уктап жатканын көрүп: "Мунун пейли бузулду, же кеткиси келсе ачык айтса болмок, эмнемден жаздым, жаман айтпасам, жүрөгүмдөн чыккан таза сезимимди арнап, балача эркелетем, анан эмне болду?", - деп ойлонуп, диванга отуруп алып дагы ойлонуп жатты: "Иш чачтан көп, кайдан дагы айыл өкмөтү боло койдум эле, же бул дагы бирөөнү таап алдыбы?", - деген ой башына келгенде жини келип кетти.

- Жамийла, деги сага эмне болду ыя, турсаң боло, уктап эле жатасың, үйгө келгенде бир кобурашып отурганыбыз жакшы го? - деп түрткүлөдү, - Тур Жамийла.

- Мм…

- Ой турсаң боло.

- Азыр, - деп уйкусурай зорго турду, - Келип калдыңбы?

- Келгеним качан, уктап эле жатасың, кечээ келсем да уктап жатыпсың, - Кубандык жини келгендей бурк этип жиберди, анын ичинде кызганыч кайнап жаткан, - Же мени көргүң келбей баратабы?

- Эмне дейсиң Кубандык, сени эмнеге көргүм келбей калмак элем, өзүң көрүп турасың го, бир аз ооруп жүрөм, чыдасаң жакшы болуп калсам жаныңда отурам го? - деп кучактап өөп койду, - капаланбачы, баары жакшы болот.

Жамийла заматта тамагын ысытып алып келди да, Кубандыктын алдына койду, өзү үч-төрт баш пиязды алып келип алып, туурап, туздан кошуп, аралаштырды да нан менен кошуп жей баштады. Кубандык аны бир аз карап койду да:

- Ой эмнеге тамак ичпей аны жеп жатасың? - деди.

- Ушуну жегим келип жатат.

- Эмнеге?

- Кусканым токтоп калды.

- Кыз-зы-ык, - Кубандык ойлонуп кетти. Анын эсине Сейденин биринчи кызына талгак болгонун эстеп: "Талгак болгон аял жечү эле, бул эмне болгон", - деп ойлонуп унчукпай калды. Тамагын ичпей эле жалдырап, карап отуруп калганда, Жамийла аны карап каткырып ийди.

- Мени анчалык эмнеге таңгалып карап калдың?

- Таңгалам да, ачуу пиязды жеп жатсаң, талгак болгон аялдар ушинтип калчу эле?

- Чынбы? - Жамийланын көздөрү жайнап, Кубандыкты карап ыйлап ийе тургандай абалда турду, - Ырас эле ошондойбу Куке? Эгер андай болсо, сенден кудайым бала берип, согончогум канаса, этегиңе намаз окуюн! - деп жетип келип, тизесинен кучактай калды.

- Жамиш, турчу өйдө, эмнеге мынчалык зээнди кейитесиң, кудайым берем десе өз эрки, эмнеге төрөбөйт экенсиң? Ошондой болушу да мүмкүн, эч кимге айтпай доктурга көрсөтүп көрчү, кел келе гой алтыным, - деп Кубандык аны кучактап алып өпкүлөп жатты, - Мынчалык мүңкүрөбөчү!

- Кантип мүңкүрөбөйм Куке, пенде болуп жаралдым, болгондо да кудайым, менден эч нерсени аяган жок, көргөн эле эркек тикенектей сайылат, сулуулугумду айтып жанын үрөйт, анан бир гана эне болуудан куру калып отурсам, мен дагы бала жытын искеп, үнүн уккум келет Куке-е! - деп солкулдап ыйлап жатып, араң зорго басылды.

- Болду эми жаным, кудай деп турчу, эч кимге сыр билгизбе, мен дагы эртең менен чогуу барайын же өзүң эле барасыңбы?

- Кубандык, эмитен эле жүрөгүм лакылдап ээлигип жатат, кокус боюңда бар десе, жарылып кетпес бекен, жумушуңдан калбасаң мени менен болчу макулбу? - Жамийла Кубандыктын көздөрүнө кадала карады, - Мен корком, кокус жок болсочу, анда кантем?

- Адам баарына даяр болуш керек Жамиш, баарын көтөрүшүбүз керек жаным, бирок мен ишенип жатам, анткени Сейде улуу кызыбыз боюна болгонун деле билбейт, тамак ичкиси келбей эле пиязды туурап, же аарчып туруп эле жей берчү, кийин билсем талгак экен, анда экөөбүз тең эле жашпыз да, кийин айтып калчу байкуш: "Ошондо пияздын ачуу экенин сезбей жүрүптүрмүн, тим эле мага шириндей туюлчу", - деп.

- Оо кудай, ошондой болсо кана, мен дагы бүгүн тузга чылап жеп эле уктап калам, кайра ойгонсом кайра жегим келет, иши кылса бүгүн, эки-үч килодой пияз жеп койдум, - деди Жамийла кубана.

- Жамиш, кел экөөбүз кеңешели, сен доктурга да барба, эмне кааласаң ошону жеп-ич, уйкуң келсе укта, кыскасы бир айга чейин билинип калат, сүйлөштүкпү?

- Ма-акул, мен азыр, - деп Жамийла дагы үч-төрт баш пияз алып келип, туурабай эле тырс-тырс эттире чайнап жеп жатты

- Сен чочко болуп калдың го? - Кубандык тамашалай күлүп калды, - Эртең бир мүшөк алып келип коеюн.

- Чочко дегениң эмнең, шылдыңдаганыңбы? - Жамийла тултуюп таарынып калды, анткен менен пиязды кырсылдатып жей берди.

- Асылым менин, мен дагы кубанып жатпайынбы, сен төрөп берсең, алдей багып, экөөбүз жаңы үйлөнгөн кыз-жигиттей баланы бирибиз алсак, бирибиз тамак жасап дегендей…

- Ошол күн келсе кана?

- Кудай деген куру калбайт имиш, эч кимге оозуңдан чыгарба? мейлиби?

- Ооба, эч кимге айтпайм, баса бүгүн жеңем дагы ушуну айткандай болгон, "бирдемең бар окшойт, боюнда бар аял тамактын жытынан кусчу эле" деп.

- Ырас эле ошенттиби?

- Ооба, ошенткен болчу.

- Ал төрөп жүргөн аял, билет да, анда кудай берди, - Кубандык аялын бекем кучагына кысып өөп-өөп койду, - Буйруса менин этегиме намаз окуй турган болупсуң, - Тамашалай мурдунан чымчып койду, - Мен өзүмдү сенин жаныңда отурганда жаш жигиттей сезип кетем, жүрөгүм алып учуп, кайдадыр бир белгисиз жактарга сени жетелеп алып, кетким келип кетет.

- Кыялданганды жакшы көрөсүң, менин эси-дартымдын баары бала, боюма болот деп ойломок тургай үмүтүмдү эбак үзгөмүн, мындан беш жыл мурун бир гинекологго көрүнсөм: "Төрөй турган эле экенсиз, эмнеге болбой жатат, билбейм", - деген эле, ойлонуп жүрүп аны унутуп да калыпмын, - Жамийла ойлуу сүйлөй берди, - Эгер кудайым кулум десе, бир эле перзент берип койсо, кандай бакыт ээ?

- Ананчы, бирөөнү берген кудай дагы берет.

- Бирди берип койсо кана, "туубас, куу баш" деген сөздөн кутулуп, эне болуп төшүмдү наристеге аймалатып отурсам кана?

- Болду эми, көп эле айта бербе, эгер боюңда болсо дагы, эч кимге көрсөтпөй жүрүп шаарга төрөтүп келем, көзү жамандардын көзү тийип жүрбөсүн, - деп Кубандык чын пейли менен айтып, - пиязга тойдуңбу? - деди күлө.

- Тойдум.

- Анда жатабыз, бала жаратабыз, - деп Кубандык аны так көтөрүп барып, салынуу төшөккө жаткырды, - Экөөбүз эрибесек бала кайдан жаралат?

- Болду эми, жүдөп кеттим, Куке!

- Асылым, алтыным, жаным!

- Сен дагы, сен дагы менин табылгыс дүйнөмсүң.

- Жаркыным…

Экөө кучакташып төшөктө көпкө оонашты, андан кийин Жамийла бат эле уйкуга кетти. Кубандык көпкө уктай албай: "Байкушум ай, мынча эмне мүңкүрөйт, чын эле боюна болуп калдыбы, же жөн эле үмүткөр кылып койдумбу, кырк эки жашында төрөөр бекен, же… ", - деп ойлонуп жатып, анан көзү илинди. Эртең менен ал уктап жатканда, эки бетинен өөп коюп, анан чыгып кетти, ойготкусу келбеди: "Жайдын толуп турган маалы да өтүп баратат, Жази кийин деп чакырыкка жооп бербей койду, ушундайда бир чакырып алсам болот эле. Эрмек дагы болбой же үйгө келбей койду, канча жүктүн баары менин мойнумда калды, келинди төркүлөтүүм керек, жеңеме кеңешип көрөйүнчү", - деп ойлонуп, жумушуна жөнөдү. Канторго келсе баары келип калган экен: "Жетекчи болуп туруп кеч келгенимди кара", - деп кабинетин ачып, кагаздарын барактап кирди. Ошол убакта телефон чыр этти, ала койсо кудасы Жапаркул Жанболотович экен.

- Ало, угуп жатам, ким экен?

- Саламатсызбы, мага айыл өкмөтү керек эле?

- Мен угуп жатам.

- Ас-салоому алейкум куда, жакшы жатасыңарбы, мен Жапаркул кудаң, ушул жума күнү барабыз, ошону айтайын дедим эле, эми өзүң билесиң, куда, алыс жерде кишини жибергенден көрө…

- Оо куда, алеки салам, өзүңүздөр жатасыздарбы, кудагый, бала-чака, өбүрө-чөбүрө дегендей. Күйөө бала, кызым жүрөбү?

- Баары жакшы, бизге Жазира айтканынан кеңештик, анан ушул жумада бармак болуп чечтик.

- Жакшы болот куда, өзүм дагы ошону ойлоп жаттым эле, өзүңүз билесиз, апасы болгондо эмдигиче…

- Билем-билем, эмесе жакшы тургула, көрүшкөнчө, - деди да телефонду коюп койду.

"Эмки жумага чейин убакыт бар, демек даярданышым керек", - деп ойлоду да өз ишине киришти. Районго чакырган экен, таксиге отуруп, шашылыш барып, кайра келди. Көрсө кудасы акимчиликке дагы чалып: "Эки иштен бир иш, таанышып, иш чараңарды көрөм, мал-жан каттоо жакшы жүрбөй, салыктар жакшы төлөнбөй калды" дептир. Келип эле эсеп-кысап боюнча адисин чакырды да:

- Салыктар убагында төгүлүп жатабы? - деди.

- Ооба, төлөнүп жатат, шаарга кетип үлүштөрүн ар кимге ижарага берип койгондор бар, мал-жандыкы да ошондой, тигиники-мунуку дешип, шылтоо кылып төлөбөгөндөр бар.

- Жаныңа киши ал да, ошолордун баарын такта, бербегендерин чакыр кеңсеге, малды карыз салыктарга баалап алып, так болуп туруш керек, айыл чарба министринин орун басары келе жатыптыр!

- Жарайт, таксыр.

- Жарайт эмес, бүтүргүлө тездетип, салык инспектор жүрөбү?

- Жарайт, чакырайынбы? - деди да Болот Суранов чыгып кетти.

Ойлонуп отуруп: "Демек, ага бияктан тартуу-тармек керек, даярдап коюшум керек", - деген ойдо түшкү тамакка кечиккенин, кардынын ачканын сезип ордунан турду. Саатын караса төрттөн өтүптүр, кабинетин бекитип коюп, үйүнө жөнөдү. Ал келсе, Жамийла уктап жатыптыр, уйкусун бузгусу келбей, агасыныкына жөнөдү. Амандык эшикте жүргөн, көрүп эле.

- Кел өкмөт, келип калыпсың, - деп утурлай басты.

- Келдим аке, - деп учурашып, үйгө киришти.

Амандык инисин билет, жөн келбейт, бир жумуш болгондо келчү башынан.

- Жумуш кандай? - деди ал орун алышкандан кийин.

- Жакшы аке, кудалар эмки жума күнү келмек болушту, бүгүн телефондон айтты.

- Аа-а, демек келишет дечи?

- Ооба, кеңешейин дегем, жеңем кайда кетти эле?

- Ал бүгүн тоодогу балдардын акыбалын көрүп келейин деп кеткен.

- Анда дал ошол Дуулаттар отурган жерге, боз үй тигиш керек аке, бир жумадай болушат го, сойгонго жылкы барбы?

- Ой азыр малдын семиз кези, чекесинен табабыз, бир туу калган бээ бар, ошону сойсок болоор?

- Болду аке, келген күнү үйдө болушат, анан биякка алып келем.

- Кам санаба, ойдогудай тосуп алабыз, бир жумада келсе союлчу койду алып келип, жемдей койсом окшойт, ого бетер кара кесеги жок май болуп, кудаң бир кесим алганда, ыктытып калгыдай кылып, - Амандык каткырып койду.

Экөөнүн ортосу төрт жаш, Амандык эки бети кызыл, муруну капкара болгон сулуу киши, алтымышка чыгарына аз калды. Балдар-кыздары шаарда, бир баласы мал-жандуу, келинчеги экөө жайкысын жайлоодо, кышкысын өздөрүнчө үйү бар. Үч балалуу. Эң улуусу кыз, төртүнчү класста окуйт, ошол аларга шыпылдай, чай алып келип, сунуп отурду.

- Акылай чоңоюп калган тура? - деп койду Кубандык, - Жайлоого барган жоксуңбу, Акылай?

- Жок, барып келгемин.

- Азамат десе, сабакты кандай окуп жатасың?

- Жакшы, бир төрт алып калгамын, анан отличникке жетпей калбадымбы? - деп Акылай балалык сезими менен эркелей сүйлөдү, - Бир эле сабагымдан төрт болуп калган.

- Эчтеке эмес, эмдиги жылы төрттү беш кылып коесуң, - деген Кубандык кызды эркелетип койду.

- Жамийланын эмнеси ооруп жатыптыр, доктурга көрүндүбү?

- Жо-ок, эмнеси ооруганын билбейм, кусуп эле жата берчү болду.

- Оору оңой эмес, ушундайда көрүнсө болмок.

Амандык ойлуу отуруп калганда, Сурма кирди.

- Кел, бала?

- Келдим жеңе, өзүңүз кандай барып келдиңиз, Дуулаттар балдары менен тынч жатышабы? - деп тура калып учурашты ал.

- Жатышат, кечке байкушум мал артында, жаан-чачын да болуп жүдөтүп жатпайбы? - деп Сурма наалый отура кетти, - Жамийла кандай, жакшы болуп калдыбы, доктурга көрүндүбү? - Сурма суроосун жаадырып, кайнисин карады.

- Үйдө эле, көрүнгөн деле жок, кусуп уктап жатат, - Кубандык жеңесине карады.

- Ой аның кусат экен, анан ачуу пияз жейт экен, "тамактын жытынан жүрөгүм айланат" дейт, бой-союнда жокпу ошонун?

- Кайдан билем жеңе, ачуурканбай тузга чылап жеп алып, кайра уктап калат, түшүнбөй калдым.

- Ушунуң, айтты-айтпады дейсиң, кош бойлуу! - деп Сурма Кубандыкты тиктеп туруп, - Мурда төрөбөгөн неме билбей жатат, эч кимге айтпасын, байкуштун боюнда бар окшойт, - деди шыбырай, - Эптеп төрөп алсын байкушум, кишиликтүү жакшы неме.

- Билбедим, уктайт эле уктайт, жашы өткөндө төрөй алабы анан?

- Унчукпа азыр, уктаса уктай берсин, эз-зели согончогу канабаган байкуш мен айтсам ишенбедиби, унчукпай эле калды. Келе, ай Акылай, алдагы баштыкты бери бер, каймак май, эт бар, кымызды да алып келчи! - деди анан колун жаңсай баштыкты көрсөтүп, - Асылым, жакшы келин айланайын, баарын салып жаткан, "атама алып барып бер" деп, кымызын да куюп берген.

- Кудай жалгасын, өздөрү менен өздөрү болсун, - деп койду Амандык.

Андан кийин куда тосуу жөнүндө сүйлөшүп-кеңешип жатышты. Кубандык ал жерде көпкө отуруп, анан кеч кире үйүнө келди. Сурма энесиндей болуп калган неме тынчсызданып, Кубандык менен кошо жөнөгөн. Келишсе Жамийла жайма-жай гана чай менен пияз жеп отуруптур, алар ээрчише кирип келишсе, ал күлүп тура калды.

- Жеңе, келиңиз.

- Келдим айланайын, денсоолуктар кандай, жакшы болуп калдыңбы?

- Жакшы эле…

- Ошондой болсун, бечелге жөтөлдүн кереги эмне дегендей, зорго жүргөндө, - Сурма көтөрө келгендерин үстөлгө койду, - Тоодон келиптир, ооз тийчи.

- Азыр, мен чай коеюн, - деп туруп баратканда Кубандык:

- Уйкуң кандыбы, табитиң жакшыбы? - деди күлө, - Эртең мененки бойдон эми турдуң окшойт ээ?

- Эмнеге?

- Жана мен келсем эчтеке билбей уктап жатыпсың го?

- Келдиң беле?

- Ооба, ойготпоюн деп кетип калгам.

- Билбейм, уйку басып эле…

- Чай коюп убара болбо, Жамийла, мен кайра эле кетем, сенден кабар алайын деп эле келгемин, - Сурма кайра эле кетти.

- Кандай анан, өзүңдү жеңил сезип калдыңбы? - деп Кубандык аны отурган жеринен өөп коюп, ичкери кирип чечинип чыкты.

- Жакшы эле, эми дурус, бирок тамак жасай албай жатам Кубандык, жана жөн асып койдум, кууруганга чыдай албай жатпайынбы?

- Эчтеке эмес, бир аз чыда, кийинки жумада Жазиралар келмек болушту, жайлоого үй тиктирип куданы казы-картага тойгузайын, - деп чалкалай диванга отуруп алып, телевизорду койду.

Келерки жумада келчү кудасын тосуунун амалдарын ойлонуп тиктеген бойдон отура берди…

***

Эрмек өзү сүйгөн кызга үйлөнүп, бактылуу болуп жүрдү. Ошол жылы экөө тең окууларын бүтүп, Назира жолдомону шаардык ооруканалардын биринен терапевт болуп баштады, бирок аны жашсынтышып, ар кандай шылтоолор менен бат эле жумушунан четтетип коюшту: "Тажрыйбаң жок, бизге баардыгы тажрыйбалуу, өз ишине так адистер керек, сен айылдан барып каныгып келишиң керек", - деди башкы врач түз эле. Ызаланган Назира өзүнүн курчтугу менен Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына барып кирмек болуп жетип кезек күтүп отуруп, ал күнү кире албай кайра келди. Эрмекти болсо башка ооруканага киргизип койгон: "Инисин дайындап коет да мени карап койбойт. Шашпагыла, мен бул билимим менен жолдо калбайм", - деген көктүк менен үч күн катары менен келип жүрүп, акыры кезекке жетип кабыл алуу бөлмөсүнө кирди.

- Саламатсызбы?.

Үнү дирилдей босогодо туруп калган кызды көз айнегин ала караган министр:

- Саламат, кел отур, эмне жумуш? - деди көзүн албай.

- Мен… - Назира дипломун, жолдомосун кайра иштен чыгарып койгонун бүт министрдин алдына коюп, - Мени ошол ооруканага жиберишкен, анан алар жумуштан чыгарып коюшту…

- Эмнеге?

- Бизде каныккан адистер иштейт дешти.

- Азыр, - дипломун көпкө карады, - Жакшы-ы, окууну жакшы бүтүпсүң, адистигиң боюнча хирург турбайсыңбы?

- Ооба.

- Эртең мага чал, сүйлөшөбүз, азыр жумуш көп, мен башкы врач менен сүйлөшүп, анан жооп айтам, макулбу Назира? - деп жылмая сугалактана карап койду.

- Макул агай, кете берсем болобу?

- Болот. Эч кам санаба, сендей жаш адистерди албаганда, ким иштемек эле, иштесең тажрыйба топтойсуң, такшаласың, туурабы?

- Ийи…

- Бара гой, эртең чал, болбосо өзүңдө телефон барбы?

- Үйдүн телефонун берейинби, агай?

- Болот, - деди Нуркан Сулайманович.

Ал эми гана отуз бештерден ашкан кашка баш, кабагы бийик, бой-келбеттүү жигит. Назиранын телефонун алып, ары-бери айландыра аны узатып ойлуу отуруп калды. Назира болсо кудуңдаган бойдон үйүн көздөй келе жатты. Кечээ апасы келем деп чалган, базарга барып, майда-барат алмак болуп, Ош базарына кеткен унаага түштү да жөнөп кетти: "Шашпагыла, мен түз эле министрликтин жарлыгы менен келип, өз кесибим боюнча хирург болуп орношсом, оозуңар ачылып калаар, пара бербегеним үчүн эле жакшы кабыл албай койдуңар эле", - деп ойлоно берди. Базардан алчусун алды да, үйгө келди. Эрмек келе элек экен, шымалана тамак кылып күтүп калды, Эрмек кеч келди, ал урология боюнча врач. Кирип эле келинчегин кучактап өөп:

- Иш кандай? - деди.

- Жакшы.

- Жумуш оор болгон жокпу?

- Иштен чыгарып койду.

- Эмнеге?

- Такшалган адис керек дейт.

- Мен азыр жездеме чалайынчы.

- Жок, мен өзүм башка ишке сүйлөштүм, хирург болом.

- Эмне үчүн өзүң, сенин проблемаңды мен чечишим керек го?

- Жалдырагым келбейт, башында эле жакшылап дайындаса болмок, эми…

- Назира, алтыным десе, алар айткан менен кенебей коюшса керек да, балким андай эместир, мен билейинчи, - деп телефонго барды.

Назира анын колун басып:

- Кереги жок, эртең башка ооруканага орношом, - деп болбой койду.

- Мейли анда. Кой чарчадым, бирдемең барбы, я ужасно голоден, - деп үстөлгө отуруп курсагын сылагылап койду.

Жаш туруп Эрмек абдан толуп бараткан, кээде Назира андан ирээнжип кетчү: "Эмнеге толуп баратат, жапжаш туруп? Курсак байлаганы жарашпайт экен", - деп ойлонгон менен ачык айтчу эмес. Азыр дагы анын курсагын сылап отурганына итиркейи келди:

- Эрмек.

- Эмне?

- Сен эмнеге толуп баратасың?

- Толсо эмне экен, көңүл ток, кайгы жок, - Эрмек каткыра күлдү, - Эмне, толгонум жакпайбы?

- Деги да, айрыкча сенин курагыңда болбойт го?

- Эчтеке эмес, бакыйган күйөөң бар, иш кудайга шүгүр. Баса, Жази эжемдер кийинки аптада айылга барышат экен. Биз барбасак болбойт го, апамдын жылдыгында да барып эле баса бердик.

- Мен баралбайм го, жумушка жаңы киришсем, анан тажрыйба топтобосом болбойт, диссертациям дагы токтоп калды.

- Ошону тим эле койсоң боло, кудай деп май талкан жумушуңда иштеп, балалуу болуп калсак, андан өткөн бакыт барбы, алтышка? - Көкүрөгү ачылган бойдон курсагын көрсөтө туруп келип Назираны кучактап өөп, - балалуу болсок болот эле, сен сактанганды токтотчу, - деди.

- Мен өз алдыма койгон максатымдан кайра тартпайм, ансыз да алаксып кеттим, үйбүлө деп баарынан куру калгым келбейт. Диссертациям жугуштуу оорулардын өөрчүп кетишине кандай чек коюу керектигин аныктоо.

- Ушу окууну зорго окудум билсең, эми дегеле эч нерсе кылгым келбейт, китепкананы көрөйүн деген көзүм жок. Мейли, аракет кылып көр, - деп кайра отурду. Назира тамагын алып келди, - Сен барбасаң мен барып келейин.

- Барсаң бар.

- Сен менин ата-энемдикине баргың келбейт го?

- Бош болсом бармакмын, же жакын жер болбосо, - Назира кайдыгер айтты муну, - Сен жооп сурайсыңбы?

- Жездем өзү сурайт да.

- Мейли, барып кел, акчаң барбы, бирдеме алып алышың керектир?

- Ой кереги жок, атамдар мени карап калыптырбы, кайра мага беришет, көрөсүң го, - деп Эрмек мактанып койду, - Жездемдер он чакты күн жүрүшөт экен, атам кудасын күткөнгө аябай камынып жаткандыр…

- Ооба, чоңдун чоңдой кадыры бар, бечараны бечарадай тосот эмеспи.

- Койчу эми Назира, кайнатаны деле сыйлашат, бир өткөн нерсени кайталай бермейиң бар да.. Андан кийин күзүндө сен экөөбүз төркүнүңө барабыз. Ойлосоң, ага деле кыйын болду, дагы бар экен чачылып эле жатат. Эжемдин свадьбасына келишти, андан кийин мен үйлөндүм, апам өлгөндө дагы кетти, иши кылса эмнеси калды, билбейм.

- Мен өзүм эле барып алам, эки жылга чейин төркүлөтпөгөн эми тоотмок беле? - деп Назира уктоочу бөлмөгө кирип кетти.

Эрмек көпкө чейин телевизор көрүп отуруп, көптөн кийин жатты. Эрте турган Назира Эрмекти жумушуна жөнөтүп коюп, телефондун чыр этишин күтүп жатып: "Эгер өзү чалбаса, өзүм чалам", - деп отурганда, чыр этип калды эле жүгүрүп жетип барды.

- Алоо.

- Сагынбекова Назирабы?

- Ооба-ооба, менмин.

- Мага келип кетесиңби?

- Макул, азыр барып калам.

- Келип кал, кабинетке түз эле кире бер! - деп трубканы коюп койду.

Назира шашыла жасанып-түзөнүп алып кийинди да үйдөн чыгып, бат эле министрдин кабинетине жетти: "Оо кудай, жакшы кабар уксам экен", - деп дүк-дүк соккон жүрөгүнүн тушуна колун коюп, бир аз демин басты да калганы тыкылдатты.

- Кир, - деген үн чыкты ичкериден.

- Саламатсызбы?

- Саламат, аа Назира сенсиңби, кел отур, - деп Нуркан Сулайманович орундук көрсөттү, коомайлана отурган Назира, аны үмүттүү карап отуруп калды, - Мен Изат Борколоевич менен сүйлөштүм, сен бүгүн эс алгын да, эртең ошол эле ооруканага ишиңди баштай бер, өз кесибиң боюнча орун беришет, - деди анан көзүнөн көзүн албай, - Кайда турасың? - деп сурады.

- Күйөөм менен шаарда турам.

- Эмне, турмушка чыктың беле? - Нуркан чалкалап отурган, столго өбөктөй ага тигилди, - Качан?

- Былтыр.

- Күйөөң кайда иштейт?

- Республикалык ооруканада, уролог.

- Оо жакшы-ы, - Көпкө ойлонуп туруп, - балаңар барбы? - деди.

- Жок, балалуу боло элекпиз, - Назира жер карай жооп берди, анан ордунан козголо турмак болгондо Нуркан:

- Назира, мен сени менен бир сүйлөшөйүн дедим эле, - деди.

- Эмнени, агай? - Назира токтоло калды.

- Эми-и, өзүң билесиң да, биерден болбойт, жай отуруп маектешсек, сени мындан ары өзүм колдоп турам.

- Агай…

- Макулсуңбу?

- Качан? - деди аргасыз, эгер баш тартса, жумушка кирбей калчудай болуп турду.

- Бүгүн, азыр болсо жакшы болмок.

- Ойлоноюнчу, агай.

- Макул анда, ойлонуп көр, мен эки күндөн кийин өзүм чалам.

- Жакшы калыңыз.

- Көрүшкөнчө, - деп Нуркан аны узата карап кала берди.

Назира кабинеттен кызыктай акыбалда чыгып көчө бойлоп, унаага түшүүнү ойлобой эле жөө кетип баратты: "Бул мени жеңил аял катары айтып жаткан жокпу, күйөөм турса, башка эркек менен жашыруун жолугуп жүргөнүм кантип болсун, балким бөлөк сөзү бардыр? Жолугуп көрөйүн, эгер туура эмес мамиле кыла турган болсо кетип калам, жакшылыкча сүйлөшсө анда угам", - деген ойдо эки жагын карап алып, аялдамага келип туруп калды. Күткөн унаасы кечигип же байкабай ойго алдырып өткөрүп ийдиби көпкө туруп калды да өзүнө бара турган номерди көрүп түшүп кетти. Үйүнө келип дагы ойлоно берди. Жатып алып уктап калган экен Эрмек келип, эшик ачылганда ойгонуп кетип тура калды.

- Үйдөсүңбү?

- Ооба.

- Сен, сен жумушка кирдиңби?

- Ооба, ошол ооруканага өз кесибим боюнча эртең кирип иштей баштайм.

- Жакшы болуптур, мени атам чакырып ийиптир, эртерээк кел дейт, мен эртең жолго чыгам, сен үйдө эле болосуң да?

- Каякка бармак элем анан.

- Мейли, тамак барбы?

- Жо-ок, азыр эле келдим.

- Ишиң бүтсө болду да.

- Буйруса бүттү.

- Азамат, сен өзү эрктүүсүң. Көктүгүң менен ойлогонуңду кыласың, - Эрмек күлүп койду, - Сен эркек болгонуңда башкача болмоксуң.

- Кандай?

- Кыйын эркек болмоксуң, беттегениңди бербейсиң да.

- Эмне үчүн мен өз оюмду беришим керек, ишке ашпай турган болсо, анда бир жөн, - деп Назира тигини жиндене карады, - Эми дипломдук ишимди жазууга киришем.

- Мейли, өзүң бил, жаным, - деп унчукпай калды Эрмек.

Назира негедир эле аны жөндөн жөн жаман көрүп баратты. Өзүнө кээде таңгалып жүрдү: "Эмнеге мен Эрмекти жаман көрүп баратам, экөөбүз кандай күндөрдү өткөрбөдүк, сүйүүбүз эч качан эскирбейт дечү элек, сүйүү да эскиреби, жек көрүндү болуп калабы?" - деп ойлонуп отуруп калды.

Эртеси эрте турган Эрмек айылга жөнөдү. Назира жумушка чыгып башкы врачка кирди.

- Саламатсызбы?

- Оо Назира кел, ордуң даяр, азыр да чалды Нуркан Сулайманович, - деп бакылдап кое берди Расул Казиевич, - Отур, ишти баштаганы келдиңби?

- Ооба агай.

- Азамат, бизге силердей өжөр, ишке берилген жаш адистер керек, бизге капа болбо, түшүнбөстүктөр боло берет.

- Эчтеке эмес агай, мен барайын анда?

- Бара гой, дагы көрүшөбүз, ишиңе кайдыгерлик кылбай так бол, мен дагы көзөмөлдөп турам. Баса, операцияга катыштың беле?

- Бир жолу.

- Оо, анда жакшылап катышып каныкпасаң болбойт, азыр сменге турасың, анда-мында оор операцияга катышып турбасаң…

- Макул агай, мен кеттим, - Назира кабинеттен чыгып баратып, кайра кайрылды, - Бүгүнкү сменде ким болду экен?

- Гүлсүн Такырбашовна го?

- Аа-а, - деп койду да кабинеттин эшигин жаап, жөнөй берди. "Хирург" деген кабинеттин эшигине келип, бир азга буйдала түштү, акырын түртүп кирип Гүлсүн Такырбашовнаны көрүп, - Саламатсызбы, Гүлсүн Такырбашовна, - деди жылмая.

- Кел Назира, кел отур, жумушка чыктыңбы?

- Ооба, өз кесибим боюнча келдим, терапевт боло албайт экенмин.

- Туура, айрымасы бар да.

- Бүгүн сиз кезектесизби?

- Ооба.

- Анда мен эртең турамбы, эже?

- Кайсыл күнү тураарыңды расписаниени карап, илинип чык, - деп Гүлсүн Такырбашовна саал сүйүңкүрөбөй кагазына үңүлө жооп берди.

- Макул эже, мен кеттим, - Назира чыгып кетти. Анан бөлүмгө кирип, жадыбалды карап өзүн жаздырып коюп, анан үйүнө келди. Эч нерсеге көңүлү келбей диванда көпкө жатты. Карды ачканынан газга азыраак куурдак жасап жеди да телевизорду койду. Үргүлөп кеткен экен, телефон чырылдап калды, шашпай туруп барып алды.

- Алоо, угуп жатам.

- Назира кандай, мен айтканды кандай чечтиң?.

Нуркан Сулаймановичтин үнү угулганда апкаарый түштү.

- Аа, сизби, саламатсызбы?

- Жакшы, менин айтканымды ойлондуңбу, бүгүн отпускага чыккан элем, бир жолуксак кантет?

- Агай…

- Ток этээр жерин айт, Назира, келесиңби?

- Каерге?

- Чүй-Бейшеналиевада турам, саат төрттө күтөм, - деп трубканы коюп койду.

Назира делдейе көпкө туруп, анан жасанып кийинди, чачтарын жасады, күзгүгө каранып алды да, саатына үңүлдү. Эки жарым болуптур: "Али убакыт бар экен", - деп койду оюнда. Көпкө чейин ар кайсыны ойлоп жыйынтык чыгара албады. Негедир уйкусу келип туруп алды, уктап калбайын деген ойдо телевизорун карап, көрүп отуруп, анан үйдү кулпулап жөнөдү. Шашыла Кызыл-Аскерге бара турган унааны тосуп түштү да, кетип баратып: "Каеринде болду экен, тааный аламбы, же ал мени тааныйт болду бекен", - деп жолдон көзүн албай түшүп, кайра чыгып жаткан адамдарды карап жүрүп отуруп, Чүй-Бейшеналиевадан түшүп, эки жагын карап, туруп калды. Колундагы саатты улам карап, колундагы сумкасын ийнине илип алган. Бир кезде артынан:

- Назира, жүрү биякка, - деген үндөн жалт карай берип күлүп ийди.

- Саламатсызбы?

- Жүрү кеттик, - Нуркан анын саламына жооп бербей эле колунан алды, - Көпкө күтүп калдыңбы?

- Жо-ок, азыр эле келгем.

- Жакшы анда, бир иштер менен кармалып калбадымбы, - деп машинасынын каалгасын ачып алдыга отургузду да, - Көлгө барабыз, үч күн сенин көңүлүңдү ачып келейин, - деп жылмайып рулду бурап, токтоочу жайдан чоң жолго түштү.

- Агай, мен…

- Назира-а, давай не будем так, андан көрө мен сени жактырып калганымды айтсам, таңгаласың го?

- Агай, менин күйөөм бар да…

- Боло берет. Мисалы мен деле үйбүлөлүүмүн, аялым прокуратурада иштейт, алдында машина бар, эмне кылып жүргөнүн ким билет? Кыскасы "мен сага тийбейм, сен мага тийбе" дегендей жашоонун берилген ар бир тамчысын текке кетирбей өмүрдү куунак өткөрүүгө не жетсин.

- Ошондо деле.

- Түшүндүм сени Назира, күйөөңө ак, таза болуп көрүнгүң келет, бирок сен өзүңдүн ким экениңди билесиңби? Акмөөрбү, Айчүрөкпү же Таттыбүбүсүңбү, мүмкүн кайсы бир доордо андан да ашкан сулуулар өткөн чыгаар, сен дүйнөдө чанда жаралчу аял затынан экенсиң Назира, сени көргөнүмдө оозумдагы шилекейим жутулбай калса болобу? - Нуркан каткырып алды, - Жашоонун мыйзамы ушундай, күлүк ат менен сулуу аялга кызыгып, көз салбаган эркек эркек эмес деп ойлойм.

- Сиз эмне деп жатасыз, менин күйөөм бүгүн үйдө болбосом үйдөн кууп чыгарып коет, - Назира корккондой көздөрүн алаңдата ага кабатыр боло үн катты, - Менден сизге эмне керек?

- Эч нерсе, суктанткан жамалыңды тое кароого уруксаат бер! - Нуркан токтотпой зуулдата айдап баратып ага күлө карады:

- Көркөмүң толукшуган толгон айдай,

Турпатың жасап койгон скульптура,

Эңсеген убагыңда жете албай,

Калбайын арман кылып Назиратай.

- Кайдагы сулуулук агай, комплименттин эмне кереги бар?!

- Баары керек Назира, баары керек. Айттым го Назира, биздин үйбүлөнүн өзүнчө мыйзамы бар, балдарды бирге чоңойтушубуз керек, ошондуктан ал өзүнчө, мен өзүмчө, ал каалганы менен көңүл ачат, мен унчукпайм, менин жүргөнүмө ал тиешеси жок. Бизде ушундай жашоо, бирок муну сага гана айтып жатам.

- Кызык экен, - деп Назира ууртунан жылмая жолду карап кете берди.

- Кызыктар көп дүйнөдө, дегиңкиси сен көрүп биле элек кызыктар бар Назира, бирок сени көргөнүмдөн бери менин көз карашым таптакыр өзгөрүлдү, мен жашоого жаңы гана келгендей болуп турам. Эгер сен менин айтканыма көнсөң башкача жашайм, баарынан кечүүгө даярмын! - деди ээн жерге барганда машинасын токтотуп, - айтчы Назира, күйөөңдү катуу сүйөсүңбү? - деди бурула берип колун кармай.

- Сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз.

- Жакшы экен, бирок өткөөл кезде жанып-күйүп кимдир бирөөнү сүйүп, өзүңдү сүйдүрүп жашоого далбас кыласың, убакыт келип токтоло баштаганда, бала кездеги сүйүүнүн бири калбайт. Жүрөгүң тынчсызданып кандайдыр бир нерсени эңсеп туруп аласың, ушунчалык өмүр кымбат экенин дагы сезбей чексиздикке сүңгүп кеткиң келет, бир нерсең жетишпегендей сезесиң, а өзүң эл арасында, жумушта адам катары басып жүрө бересиң, а жан дүйнөң бош, ээн калган эски тамдай.. томсоруп… суз..

- Мунун баарын эмнеге айтып жатасыз?

- Айтайын дегеним, мен аялымды сүйүп үйлөнгөмүн, ал мени, бирок бир күнү анын иштеген жерине барып таппай калдым, сурасам эч кимиси көрбөгөнүн айтты, унчукпай келе бердим, үйгө келип эки баламды карап, тамактанып отурсам, шашып кирип келди: "Өх жумуштун көптүгүнөн эс алганга дагы убакыт жок", - деп чечинип, ашканага кирип кеткенде, артынан кирдим.

- Жумушта болдуңбу?

- Анан кайда болмок элем, жумуштамын да, - Мени акырая карап коркута бурулдады.

- Мен саат үчтө барсам, түштөн кийин барбапсың го?

- Сен мени текшере баштадыңбы?

- Эмнеге текшермек элем, бош болгонумдан эле бирге түштөнөлү деп баргам, сени бир сааттай күттүм, начальнигиң дагы жок экен.

- Бирөө менен кандай ишим бар, өзүм үчүн жооп берсем берем, болбосо жок! - деп кайра атырылды. Мен аны жаактан ары чаап-чаап жибердим, ал айкырып, кыйкыра баштады, - Менин эмне кылып жүргөнүм менен ишиң болбосун уктуңбу, кандай басам өзүм билем!

- Мына сага! - дедим да тепкилеп салдым.

Кайнатама барып, баарын айтмак болуп машинага салып алдым эле, жолдон жалынып-жалбарып кирди.

- Нуркан, кечирип кой мени, мындан ары мен эч жакка барбайм, айтканыңдан чыкпайын, андан көрө өлтүрүп кой мени, - деп тиземди кучактап алып боздоп жатты.

Мен кайра келдим да, үйгө киргенден кийин аны маңдайыма коюп алып.

- Мындан ары сенин эриң катары гана болом, бирок жаныңда жатпайм, экөөбүз эки башка жашайбыз, буга көнбөсөң мен сенин атаңа баарын айтып, төркүнүңө таштап келемин, балдарды көрөмүн деп ойлобо, - деп айтканымда ыйлап отуруп, макул болду.

- Эмне десең ошол болсун, иштебе десең иштебей коеюн, - деп көз жашын салаалатып ыйлай берди.

Мен унчукпай ички бөлмөгө кирип кеттим. Ошол бойдон сүйлөшпөй эки ай жүрдүк, жумушуна барып аңдып, башка бирөөлөр менен кеткенин көргүм келет, бирок түз чыгып, үйгө түз келип жүрдү, боорум ооруду да бир күнү ага мен:

- Гүлара, мындан ары мен сени менен жашагым келбейт, ажырашалы, - дедим да туруп кетмек болгонумда:

- Бир гана ажырашам дебе, балдарым маңдайымда болсо болду.

- Анда мен айткан шартка көнөсүң, - дедим аны сынай карап, - экөөбүз эл көзүнө эрди-катын болуп жашай беребиз, балдар да колубузда жетилет, мен өзүмчө үйбүлө күтөм, сен кааласаң өзүңчө күт, макулбу? - дедим эле көпкө чейин мени таңдана карап калды, - Сен каалаганыңдай жүр, мен өзүм каалагандай жүрөм. Ошондо үйбүлөнү сактап калабыз.

- Муну сен качантан бери ойлонуп жүрөсүң, демек шылтоо таппай жүргөн экенсиң да? - деди көптөн кийин.

- Сенин жүрөнөөктүгүңдү аныктагандан бери, балким начальнигиң сага үйлөнөөр…

- Нуркан, кайдагыны айтпачы эми.

- Чындыкты бетке айтуу ошончолук ачуу болот, ошого чычалап кеттиң го. Эгер мен ошентсем сен кечирээр белең, сенден андайды күткөн эмесмин билсең, эркек башым менен мен кылбаганды кылганың жакшыбы?

- Кечирим сурадым го, дагы сурайын, ала жипти өлүп башым көргө киргенче аттабаганга ант берем, - деп бутумду кучактап дагы ыйлап турду.

Мен таптакыр жибий албадым.

- Болду, ашыкча сөз эшекке жүк болот, менин айтканыма көнөсүңбү же жокпу? - дедим көшөрө. Анан ордумдан туруп кеттим.

- Сен каалаганыңдай жүр, бирок мен балдарым менен эле болсом болду, - деп томсоро отуруп калды.

Ошол бойдон мен таптакыр үйгө жолобой койдум, мага деле кыйын болду, балдарыма керектүүнү көтөрүп барам, кээде аялым экөөбүз паркка алып чыгып ойнотуп келебиз да, кетип калып бир келинди таптым, ал сулуулугу болбогон менен кыял жоругу, мүнөзү жагынан жакты эле, бирок күйөөсү аны аңдып туруп алды. Ооруканага алып келип, алып кетет. Бир жолу телефондон: "Менин эрим байкап калса керек, мындан ары жолугуша албайм, себеби кайнатам депутат, сиз экөөбүздүн абийирибизди төгөт да, мен же сизден жок, же эримден жок калам, кечирип коюңуз", - деди. Кайнатасынын атын сурап билдим. Тааныйт элем, жанда жок ач көз, бир тыйындын артынан тоголонуп, акча дегенде абийирин да саткан, адамгерчилиги пас, кудайдан коркпогон неме. Ойлондум да тим койдум, ошол бойдон көпкө жүрдүм. Гүлара болсо үйгө эрте келет, бирок кийин ал дагы машина менен келип, кете турган болду. Бир күнү ал кеткенден кийин үйгө кирип балдарымдын жанында калдым. Таңга маал келди, балдардын жанында жаткан мени көрүп сырткы бөлмөгө чыкты да жатып алды. Ошентип, андан кийин сүйлөшкөн жокпуз. Кокус үйгө конок келсе, сөзсүз жумушума чалат, бирге тосуп алабыз. Ата-энем, анын ата-энесинин алдына барганда дагы биргебиз, бирок чектен чыгып: "Менин досторумдун көзүнө көрүнбө", - деп айткамын… - Нуркан унчукпай калды.

- Кокус менин күйөөм билип калса, андай-мындай дебей эле мени өлтүрүп таштайт, - деп күлүп койду Назира, - Менин күйөөмдүн жездеси Жапаркул Жанболотовичтин баласы, кайнежем экөө тең сиз тааныган врачтар.

- Жапаркул Жанболотович? - Нуркан Назираны тикирейе карап калды, - Айыл чарба министринин орун басарыбы?

- Ооба.

- Ой жанагы Кубандыкова Жазира дегенби кайнежең?

- Ооба.

- Укму-уш, ал аябай керсейген неме, күйөөсүн дагы билем, аларды мен ишке киргизгем да. Жапаркул жакшы киши, мага атайын чалып дайындаганынан, жакшы орун таап бергем экөөнө тең.

- Ошол, сиз кечирип коюңузчу, мен үйгө барышым керек эле…

- Назира, Жапаркул Жанболотовичтен коркпойм, менин ишим өзүмчө, керек болсо сага үйлөнүп да алышым мүмкүн, бири-бирибизди билип жакындан таанышалы, анан байкап көрөлү, ээ? - деп Нуркан Назиранын көздөрүнө тигилди.

Назира үндөбөдү, болгондо да жүрөгүндөгү адамды таштап кете бериш ага кыйын болуп турду: "Жок, эмнеси болсо өзүмдүн күйөөм эмеспи, сүйүп тийгемин, аны менен ажырашпайм. Мейли, эки-үч күн ойносо ойноп келейин, бирок Эрмектен ажырабайм", - деп ойлонуп алды.

- Сиз мени түшүнүңүзчү, Эрмек андай адам эмес, мага ишенет, ага кантип кара санамак элем, ал антип кол шилтеп кое албайт, башкача адам, анын жүрөгүн оорута албайм.

- Мейли, кеттик анда, жок дегенде эс алабыз, - деди да кайрадан жолго түштү.

Андан кийин үн-сөзсүз Жети-Өгүзгө келгиче унчуккан жок, жолдон тамактанышты. Мейманканадан орун алышты, Нуркан өзүнчө, Назира өзүнчө орун алып, түнгө чейин көл жээгинде басып жүрүштү да, мейманкананын алдына келгенде:

- Түнүңүз бейпил болсун! - деди жылмайган Нуркан.

- Жакшы жатып, жай туруңуз, - деп Назира дагы жылмайып койду, экөө өз бөлмөлөрүнө кирип жатып калышты.

Назира: "Кандай жакшы адам, түшүнүктүү. Башка бирөө болсо.. . ", - деп ойлонуп уктай албай жатып кеч уктады. Эртең менен эшик тыкылдаганынан ачса, Нуркан гүл көтөрүп алып босогодо туруптур.

- Жаркын таңыңыз менен! - деп бажырайган гүлдү жылмая сунду.

- Рахмат, жакшы уктадыңызбы? - Назира кысына гүлдү алып, ага күлүмсүрөй карап турганда Нуркан:

- Мен ашканада болом, чыгып кал ээ? - деп коюп басып кетти. Назира эргий гүлдү жыттап койду да, үстөлгө коюп жуунуп чыкты, өзүн ирээтке келтирип, жасана кийинип алып, чыгып келсе, ал сыртта эле күтүп турган экен, - Жакшы эс алдыңбы? - деди ага карай.

- Жакшы, өзүңүз кандай уктадыңыз?

- Эң сонун, менин түшүмө сен кире берип, түндү кандай өткөргөнүмдү билбей таң атып кеткенде, аябай өкүндүм.

- Эмнеге?

- Сени көрүп жаткам да.

- Коюңузчу?

- Ырас эле. Жүрү эми тамактанып алып, көл жакка түшөлү да жакшылап эс алалы. Мурун болдуң беле?

- Жок.

- Анда көрөсүң, жээгинде шарпылдаган толкундар ак көбүк чачып, көгүлтүр тарткан көлдүн жээгинде отурсаң өзүнчө керемет.

Экөө ээрчише кафеге келишти. Кафенин ичи абдан жасалгалуу экен, бир көргөндө Назира Бишкектеги чоң ресторанды эстеп ийди. Төр жагына барып орун алышты. Эл көп, аларды кээси карап коюп жатты. Дал ошол кезде Жапаркул Жанболотовичтин улуу кызы эс алып жүргөн. Назираны сыртынан көрүп таңгалды да, унчукпай чыгып кетти.

- Назира, кысынбай отуруп тамактана бер, - деп койду Нуркан алдына келген тамактан алып жатып.

- Кысынган жокмун, тааныгандар болуп калабы деп эле коркуп жатам, - деп эки жагын элеңдей карады Назира.

- Эч кам санаба, мен сени коргоп алам.

- Уят го?

- Эмнеси уят, көңүл эңсөөсүн аткаруунун эмнеси уят Назира? Чынын айтсам, гүлдөй назик жан экенсиң, бир дагы жолу сендей келиндерге жолуккан эмесмин, карап отуруп сенин жан дүйнөңдүн назиктигин ушул бойдон сактап калсам, көңүлүңө кир жолотпосом экен деп ойлонуп жатам. Мен сени кыйнабайм, адам өз эрки менен берилбесе, ал сезимин жоготуп алат, чаң баскан жол боюндагы жоогазындай үлбүрчөктөрү соолуп, көрксүз болот, андан көрө сени жөн гана эс алдырып, өзүм дагы эс алганым жакшы, - деди Нуркан ойлуу.

- Рахмат сизге.

- Эчтеке эмес, дагы эки күн эс алуу убактыбыз бар, - Нуркан күлүп койду, эмеле түнөрө түшкөн жигит кайрадан кабак ачып, жайдарыланды, - Биз бүгүн бар да, эртең жок убактылуу жашап өтчү, конок адамдарбыз.

- Бири кем дүйнөдө жаман-жакшы деп, экиге бөлүнгөндөй эле бар тура - деп Назира алдындагы идишти жылдырды, экөө туруп чыгып кетишти.

Көл жээктеп басып жүрүп, тунук асманды, көгөргөн көлдүн чексиздигин, улам түрүлүп келген толкундун, шарп-шарп этип, жээкке урунуп жатканын суктана карап турушту.

- Назира.

- Мм.

- Тээтиги көлдүн көгөргөн жагын карасаң.

- Эмне бар экен?

- Көрүнүшүн.

- Аа-а, көрүп турам, жаратылыштын кооздугуна суктанып, эч качан бүтө албайсың да, жакшы нерсенин арты жок, жаман нерседен тажай баштайсың, көрсө адамдын өзү чексиздик тура, себеби адамдын ички дүйнөсүн билүү өтө кыйын…

- Туура.

- Сен тажаган нерсе барбы, ушу кезде?

- Бар.

- Эмне?

- Өзүм да билбейм, бирдемеден тажагансып баратканымды билем, бирок эмнеден? - Назира Нурканды карап койду, - Мен жашоодон жадай баштаганмын го?

- Кой Назира, жашоодон тажадым десең жаңыласың, башка нерсе сенин тынчыңды алып жаткан го дейм?

- Түшүнбөйм такыр.

- Назира-а! - деп бир кезде Нуркан ага суудан чачып ийип качып жөнөдү, адегенде Назира эмне болуп кеткенине түшүнбөй туруп калды, - Назира-а, мени бирдеке чагып алды-ы! - деп жүгүрүп баратып бери карап кыйкырды эле Назира дагы артынан жүгүрүп жөнөдү.

Нуркан ал жетейин деп келе жатканда көлдү кече кирип кеткенде, Назира дагы анын артынан жетип, кармап, экөө суу ичинде жыргап күлүп жатышты. Ушул кезде экөө тең бул дүйнөнүн машакаттуу азап-тозогун унутуп жаш, кечээги ойноок кыз-жигиттердей суу ичинде каткыра ойноп, суу чачышып жатты. Назиранын түйүлгөн узун чачы жайылып, ого бетер суу перисине окшоп турду.

- Болду-болду, үшүп кеттим, муздак экен! - деп Назира жээкке чыгууга аракеттенсе да, Нуркан аны кучактап алып сууга жыгылды.

- Сен суу ичинде укмуштай сулуу болуп кетет экенсиң, жомокто айтылган Айсулуудай, суунун перисиндей.

- Койчу, комплименттин кереги жок, чыгалычы суудан.

- Бир азга ойнойлучу, мен азыр жаш жигиттей эргип турам, сен менин жабыркап жүргөн жандүйнөмдү айыктырып жибердиң, - деп Нуркан анын суу болгон жүзүнөн аста өөп койду, - Мен үчүн дүйнөдөгү асыл адам сенсиң, менин эркем болчу, Назира!

- Жүрү сыртка чыгалы.

- Жо-ок, жооп бербесең көлдүн тереңине сиңип жок болом!

- Койсоңузчу, - Назира андан бошоно жээкке чыгып, чачын сыгып, желкесине түйүп жаткан.

- Назира, мен кеттим, - деп Нуркан көлдү жирей жөнөдү, - Бир… эки… үч!

- Нуркан ага-ай, токтоңуз, мен дагы кошо кетем! - деген Назира анын артынан жүгүрүп, буту жерге тийбей калкып, улам барган сайын чөгүп бараткандай туздуу суу оозуна, кулагына кирип энтигип Нурканды карай, - Жарда-ам, жардамга-а! - дегенде сүзүп жүргөн Нуркан аны коркутам деп, кайра өзү коркуп жанына келди да, көтөрүп алып жөнөдү.

- Назира, көзүңдү ач, мен тамашалап койбодумбу! Жинди десе, көзүңдү аччы! - деп көкүрөгүн басып оозун үйлөдү.

Көптө барып көзүн ачкан Назира:

- Сиз чөккөн жоксузбу? - деди көздөрүн бардай.

Нуркан анын апакай жүзүнө жарашып турган кирпиктерине, куюлушкан кырдач мурдуна суктана карап турду:

- Коркутуп жибердиң Назира, ушу кантип болсун!

- Сиз менен кошо эле чөгүп кетейин дедим да.

- Андай дебе, Ыссык-Көлдө экөөбүздөн башка да ээлери бар, алар адамдардын ыпластыгынан качып, касиеттүү көлдү карегиндей сактап турушат. Биз андан көрө тирүүлүктө жетелешип жүрөлүчү, эртең эле нике кыйдырып, өзүмдүк кылып алайынчы? - Нуркан анын башын көтөрө өзүнүн тизесине жаткырды, - Мени угуп жатасыңбы, Назира? - Назира эч нерсени укпагандай көзүн жумуп жата берди, - Ооба, менин сөзүм сага өөн учурап жатат, мени балким жек көрүп жаткандырсың. Эч кимге, эч бир жанга айтпаган сырымды сага айтып койдум, ооруну жашырсаң өлүмгө тете дегендей сага сырымды айткым келди, көптөн берки бугумду сага айтып чыгарып алайын дедим. өзүң бил, кандай чечсең ошондой чеч! - деди да унчукпай калды.

Назира анын тизесинен өйдө болду да:

- Алды жагым чөлдөгү кумдай бозорот, келечегим туңгуюк, ата-энем момун адамдар, алар менин күйөөмдөн кеткенимди укса, кандай абалда калышат, деги мен эмне кылам? - деди көз жашы жүзүн жууй.

- Капаланбачы Назира, сени кыйнабайм, ушул жаркын жүзүңдүн муңайганын көрбөйүн, жаркылдап күлүп турчу! Жүр тамактаналы, кардың ачкандыр…

- Кардымдын ачканын да билбей калдым, эчен деген ой санаа, жүрөгүм түпөйүл…

- Кой Назира, ысыкта ооруп каласың, күн канчалык ысык болсо дагы көл муздак бекен? - деп Нуркан келинди колтугунан ала тургузуп жандай басты, - Ээх, жаратылыштын кооздугу, биз да силерди таштап туңгуюкка сүңгүп, жок болобуз, биздин балдарыбыз, анан алардын балдары болуп жашоо улана берет.

- Ооба десеңиз, бизден мурун канчалар өткөн, биз алардын урпактарыбыз, биздин урпактар келет, ошентип өмүрлөр өтсө да, жашоо улана берет.

- Назира.

- Ийи.

- Канча бир туугансыңар?

- Үч иним бар.

- Жакшы экен, ата-энеңдерге бир барып келбейлиби?

- Эмнеге?

- Таанышкым келет.

- Бала болбоңузчу, алар эмне деп ойлошот? Айрыкча эл, кайнатам укса бомба жарылгандай эле болот.

- Мейли, мен жумушумдун баарын таштап, сени менен кайда болсо да кетким келип турат.

Экөө күлүп сүйлөшүп келатканда Камила дагы көрүп калды, байкатпай сүрөткө тартып да алды. Бул Жапаркул Жанболотовичтин кызы, кечээ көргөн бойдон аларды аңдып калган, түндө алар кафеден чыкканда аңдып туруп, эки башка бөлмөгө киргенин көрүп тим болгон. Кетээрине эки күн калган. Ал атайын жолдомо менен келип дарыланып жүргөн, денсоолугуна карап. Нуркан менен Назира ээрчише кафеге кирди, алардын ичимдик ичпей сүйлөшүп, тамактанып жатканын дагы тартып алды. Нуркан менен Назира эч нерсени сезбей отура берди, ашыкча кыймылдарын байкабагандан кийин унчуккан жок, анын үстүнө анын министр экенин билгендиктен айткандан айбыгып турду, болбосо эбак Жазирага чалып: "келип кал, дал үстүнөн чыгасың" демек.

- Назира, тамактан алсаң, эмнеге ойлонуп калдың?

- Мен тиги аялды бир жерден көргөндөймүн, сүрөткө тартып алгандай болду, - деди Назира, - Мени баятан бери байкап турса керек…

- Кам санаба, биерде адам көп, бири-бирине окшоштор да көп болот эмеспи, тынчыраак отуруп ичип алсаң.

- Негедир жүрөгүм түпөйүл болуп турат, бүгүн кетип калсак болбойбу? - Нурканды суроолуу карады.

- Бүгүн эмес, эртең түштөн кийин чыгабыз.

- Эмнеге, азыр кете берсек кантет?

- Назира, бүгүнчө дагы эс алалы, анан жолго чыгабыз, бир аздан кийин көл жээгине барып түшөлүчү, - деп күлө карады Нуркан.

- Көлгө түшсө түшөлү.

Назира да жаркылдай күлө ордунан турду. Кайрадан көл жээги, Назира ичиркене сууга түшүп, ары баралбай четинде жүргөндө, Нуркан аны кол булгалай чакырды. Экөө катамаранга түшүп, тээ аркы жээгине чейин барып, кайра тартканда Нуркан:

- Назира, кечке чейин катамаранда жүрө берелиби? - деди ал. Анан өйдө туруп колун жая, - Ээх-хеей, мен сүйүүдөн жардымын, мен сүйүүдөн жардымы-ын!!! - деп эки колу менен оозун калкалай кыйкырып кирди.

- Коюңуз эми, тигилер угат, - деген Назира күлө карап катамаран менен кайыктарда ойноп жүргөндөрдү карап, кызарып кетти.

- Мага Ыссык-Көлдүн керемети жардам бер, мен сүйүүдөн ачкамын! - деп дагы кыйкырды да Назираны колунан өйдө кылды. - Менин аппак сүйүүмө күбө болчу суранам, дүйнөдөгү бактылуунун бактылуусу болоюн, көлүм, - деди да Назираны ийинден алды.

- Назира, айтчы мага, сүйүү кандай болот, суудай түссүзбү, оттой өткүрбү же көлдүн толкунундай буркан-шаркан болуп, келип кете берчү нерсеби, айтчы Назира?!

- Мен дагы билбей турам, балким ачуу калемпирге окшош чыгаар же балдай шириндир. Кээде ойлоп кетем, сүйүп жүрүп сүйгөн адамымды жек көрүп баратам, эмнеге, өзүм да билбейм.

Назира суз гана көз алдына Эрмекти келтирип алды да, жийиркенип кетти: "Жаш туруп толуп алганын, кыял жоругу да баштагыдай эмес, көп мактанчу болду", - деп ойлонуп жатты. Нуркан анын сөзүнөн улам анын күйөөсүнө көңүлү жок экенин дароо сезди, бирок унчукпады, анын көңүлүн көтөргүсү келип тамаша айткысы келип:

- Илгери-и-илгери бир кирпи болуптур Назира, ал токойдо жүрүп, коенду сүйүп калат экен. Анан күндө бир көрүп алуу үчүн анын ийнине жакын келип жатып алат. Ошондо койон бир жолу карышкырдан качып келатып кирпинин үстүн басып алып: "Буту-ум-бутум, өлбөгөн кирпи!", - деп ийнине кирип кетсе, кирпи арман кылып ыйлап: "Ушу ийнелердин айынан сүйгөнүмдү таарынтып алдым, кайда жоготом муну", - деп жатса, коен угуп алып, чыга калат да: "Ай кирпи, эмне деп жатасың, кимди сүйүп калдың?", - деп сураса: "Сени. Жок дегенде көрүп турайын деп күндө ушул жердемин, сенин бутуң катуу ооруп калган жокпу?", - десе, коен каткырып: "Ээй кирпи, коен менен кирпинин сүйүшкөнүн кайдан көрдүң эле?" - деп секирип кетип калган экен, - дегенде Назира жыргап:

- Чын эле, кантип сүйүшмөк эле, кызык ээ? - деп Нурканды карап көзүнөн жаш чыкканча күлдү.

- Адамдарда деле кирпиге окшогондор толтура да, - Нуркан аны күлүп карады.

Кечке чейин көл үстүндө ойноп жүрүп, кечке маал көл караңгылыкка чулганганда гана кайтышты. Экөө кол кармашып алганын байкабай да калышты. Аларды алыстан эле көл жээгинде жүрүп, Камила кол кармашып келатканын дагы тартып алды.

- Эх жыргал көл кечи, кандай гана, ырахаттуу, бүгүнкүдөн эртеңкиси салтанаттуу, деген экен бирөө. Ушул керемет тирүүлүктүн кадырын сезбей өтүп кетебиз го? - Нуркан бактылуу Назираны ийнинен ала өзүнө тартты, - Асыл адамым менин, жаныңда болоюн сенин, жоодураган көздөрүңдөн, өпсөм арманым калбас менин.

- Акын болуп кеттиңиз го?

- Сен жанымда турганда, акын болуш эмне экен, жоогазындай ачылган жоодураган көзүңдөн!

- Ай-ий, болду эми, келип калдык, - Назира жалжылдай карады, - Көргөн эл, бизди көрсө, эмне дейт? - Аларды алыстан карап турган Камила, алардан көз айрыбай отура берди. Алар ээрчише кафеге кирип кетти. Көпкө тамактанып болуп, анан сыртка чыгып, отургучка отуруп калды. Нуркан колун Назиранын артынан, колун арта сүйлөп жатты.

- Мен негедир бактылуу болуп турам Нази, күндө көрүп жүрчү айлана бүгүн мага сулуу болуп көрүнүп, ырдагым эле келет.

- Жаш баладай мүнөзүңүз бар экен.

- Жаш жигиттей эргип турам.

- Чынбы? - Назира кыткылыктап күлдү.

- Чыпа чын!

- Кызык, мен сизге көнүп баратам.

- Ыраспы?

- Ырас айтам. Мен кантем, эки күндөн бери Эрмек жинди болуп кетпесе болду. - Назира ойлуу Нурканды карады, - Мен дагы сиздей болуп ага маселени кырынан койсом окшойт.

- Кандай? - Нуркан түшүнбөй калгандай элейе карай берди.

- Сен өз билгениңдей, мен өзүм билгендей жүрө берели депчи…

- Назира, мен сени кызганам, эгер мени менен биротоло бирге болсоң мен аялымдан ажырашам да сага үйлөнөм. Эми мен андай турмушта жашай албайм, өзүмдүк кылып, бир аялдын ээси болгум келет, Назира! - деп Нуркан Назирага карап жалдырап ийди, - Мен ушундай жашоодон тажадым.

- Акырындык менен чечпесе иш опурталдуу болуп баратат агай, мен терең ойлоноюн, бир айдын ичинде баарын чечем, - деди Назира.

- Ой рахмат Назира, мага сенин дал ушундай гана сөзүң керек эле, мен эми башкача жашайм! - деп ордунан тура калып, Назираны көтөрүп алып, айлан көчөк болуп тегеренип жүрдү, - Менин сүйүүмдү жолуктурганыма ыраазымын! Рахма-ат, ыйык көлүм, мени сүйүктүүмдү таап бергениңе!

- Кое бериңизчи, уят эмеспи, кое бериңиз дейм! - Кыткылыктап күлгөн Назира аны эки колдоп көкүрөккө түрткүлөп күлө берди.

- Мен сени өмүр бою көтөрүүгө даярмын!

Күүгүм болгон менен пансионаттын алды жапжарык эле, сейилдеп ары-бери басып жүргөндөр, алардын тегерегине толуп алды.

- Азамат, жигит экенсиң!

- Молоде-ец!

- Сүйүүнүн кереметин кара! - дешип чогулгандар шатырата колдорун чаап жиберишти.

Нуркан Назираны көтөргөн бойдон жатакананы көздөй жөнөдү, кол чапкандар узата карап туруп калышты, күбүр-шыбыр да көбөйдү. Экөө эч нерсеге көңүл бурбай кетип баратышты, бул кезде алар баарына кайыл болчу, оюнда жалаң сүйүү, экөөнө тең канат бүтүрүп абалаган асманда ой кыялдары менен куш болуп учуп, дүйнө жүзүн тегеренип жүргөндөй бактылуу болчу. Нуркан Назираны өз бөлмөсүнө алып кирип, диванга жаткырып, өзү анын катарына чалкасынан жата кетти.

- Мен бактылуумун Назира, эгер азыр мени түшүнсөң жүрөгүмө канат бүтүп, ай-ааламды кезип, дүйнөдө ким бактылуу десе мен деп жар салгым келет, өкүнүчтүүсү аны өзүмдөн башканын укпаганы…

- Мен дагы, балалык сүйүүнүн тез өчөөрүн билбепмин, ошол сүйүүм, туңгуч махабатым мени түбөлүк бактылуу кылат деп ойлогом, көрсө баары аманат, убактылуу экен…

- Сен мен үчүн гана жаралгандайсың жаным, негедир оюм ордунан чыкпай делөөрүп, бир нерсени күтүп жүргөндөй боло берчүмүн, алдымдан жарк этип жүрөгүмдүн ээси чыга калчудай болуп жүргөм.

- Мен дагы, өзүмдү ээн талаа, эрме чөлдө калгандаймын…

- Ырысым… сен деп эле айтчы, сиз деген арабызды бөлүп турат экен, биздин арабыз көп болсо он жаштай экен, суранам, атымдан айтып, сен дечи ээ? - Кырданып кучактап алды, - Сенин колтугумда жатканыңа ишенбей турам.

- Мен дагы…

- Назира.

- Ийи.

- Сенин ата-энеңе барып таанышып келбейлиби ыя?

- Кийин, эгер мен Эрмектен кете турган болсом, өзүм бир барып келишим керек.

- Мен таксист катары барып келейин.

- Ойлонуп көрөйүн.

- Жа-аным…

- Сиз…

- Сен.

- Сен аялың менен балдарыңа эмне дейсиң?

- Ажырашам деп эле айтам.

- Жөндөн-жөн элеби, ата-энеңчи?

- Алар биздин салкын экенибизди билет.

- Аа-а, - деп унчукпай калды Назира.

Экөө ошондон баштап аймалашып жатты. Негедир Нуркан андан ары өтпөдү, анын ушунчалык адамгерчиликтүүлүгү Назирага жакты. Кыз-жигиттердей эле бойлошо бетин-бетине тийгизип, көпкө жата берип, бир диванда уктап калышты. Эртең менен Назира уктап жатканда, Нуркан сыртта көл бойлоп басып жүрдү: "Ооба, мен чыныгы сүйүүгө эми жолуктум, эч качан жанымдан чыгарбайм, жакында Россияга алып кетип калам, ушул ишти таштайм", - деп ойлонуп жатты. Ал Назираны үлп эткен желден, карап койгон көздөн кызгана турган абалда турганын сезди: "Эмнеге Гүлараны минткен жокмун, балким аны чындап сүйгөн эмес окшойм", - деп ойлонуп ийди. Бирок жыйынтык чыкпаса да, өзүнө-өзү ыраазы болуп ырахаттана мелмилдеп көк ирим тарткан көлдү суктана кулачын жайып: "Мен сүйүүмө кездештим, бактымды эми таптым, Назира менин өмүрүмдүн акырына чейин жашай турган жарым болот, аны эч качан капа кылбай бактылуу кылам, үлпүлдөтүп үрдүн перисиндей багам! Рахмат сага, улуу касиеттүү көл, сенин улуулугуң, көк мөлтүр тамчың, шарпылдаган толкундуу көбүгүң менин сүйүүмдү табууга жардам берди, өмүрүм өткөнчө ыйык көлгө таазим этем", - деп көпкө турду да бөлмөгө бажырайган роза көтөрүп кирди. Назира уктап жаткан. Акырын кирип гүлдү мурдуна тийгизип, андан кулактарына алпарып кытыгылап жатты, Назира улам бети-башын сыйпалап, кызуу уйкудан тургусу келбей оодарылып көзүн ачып жиберди.

- Се-ен…

- Ооба, мынча уйкучусуң, мен эрте туруп, көл менен сырдашып келдим, - Нуркан эңкейип анын ууртунан аста өөп койду.

- Эрте го, уктай турайынчы?

- Болбойт, эрте турган адам кудайдын чачкан ырыскысынан куру калбайт. Тур эми жа-аны, курсак курулдап, айланы кетирип жатат. Эгерде аз болсо ачкамдан өлөм! - деп болбой эле кытыгылап, ал өйдө болоору менен гүлдү ага сунду, - Аткан таңың менен гүлдөй көркөмдүү алтыным!

- Рахма-ат, - Назира саал жылмая гүлдү жыттап койду,

- Кайда барып, келе калдың?

- Сен үчүн дүйнөнү кыдырып, сен каалаган нерсени таап келүүгө дайым даярмын! - деп Нуркан чест бере колун чекесине тийгизе түптүз тура калды.

- Рахмат, - Назира туруп кийимчен жаткандыктан жуунганы чыкты, анан күзгүгө келип, чачтарын тарап аркасына түйүп жатканда, Нуркан аны артынан кучактап алып:

- Чачыңды түйбөй эле койчу, өрүп артына таштап койсоң, анык кыргыздын кызы болуп каласың, айтылуу Ак-Мөөр болсо сенчелик болгондур, жаным! - Кулак түбүнөн искеп койду, - Назира, кел Россияга кетип калабыз, үй машина, акча баары бар, кел экөөбүз жетелешип, жер кыдырып кетип калабыз, отпускадан кийин жумуштан чыгам да Россияга кетебиз.

- Ата-энемдер эмне дешет?

- Эчтеке дебейт.

- Кантип? Айылдын эли абдан кызык болот, болбогонду айтып кеп кылып жиберишет, атам жаман болот, мен аларга өзүм түшүндүрүп коюшум керек…

- Бир жума ичинде баарын бүтүрөм жаным, керек болсо күйөөңдү чакырып туруп өзүм айтам, - деди Нуркан ага карай.

- Жок-жок, андай болбойт, мен адегенде барайын, сүйлөшүп көрөм.

- Макул, анда дагы бир-эки саат көл жээгинде отуруп келели, кечкиге жетип калабыз, - деп колдон алды.

Пансионаттын жетекчилерине билгизбей эс алып жүргөн Нуркан Сулаймановичти директору чакыртып алып, ордунан тура калды.

- Нуркан Сулайманович, сиздин биякта экениңизди билбей калдык, сизди коноктоп коелу деген элек, - деп орун көрсөтө кош колун сунду, - Айтып койсоңуз болмок, - деп шыпылдай жасакерленип жатты.

- Эчтеке эмес, бүгүн кайтканы турабыз, силерге чоң рахмат, - Нуркан сөөлөттөнө баш ийкей жылмайды, - Дагы бир келээрбиз.

- Жо-ок-жок, азыр даярданып жатышат, түз эле мейманканага жүрүңүз.

- Аа-а, макул эми, чакыргандан калба дейт, мен азыр барып калам, - деди да сыртка чыкты.

Бөлмөсүнө келип, Назираны ээрчитип жөнөдү.

- Кайда барабыз? - Назира анын жетегинде баратып сурады.

- Бир жерге барабыз, это тебе сюрприз, - деп Нуркан ага кубанычтуу жылмайды.

Алар эки кабаттуу мейманканага кирип келгенде, жабыла ага учурашып ызаат-сый менен конок бөлмөгө алып киришти. Нуркан бул жерде эчен ирээт болгон эле, бул келиште карапайым адамдар жайгашкан жайга өзү келип алган болчу, ал чоң адам катары эмес, жөнөкөйлөр катары эс алууну каалаган эле.

- Келиңиз Нуркан Сулайманович, бизди кечирип коюңуз, сиздин келгениңизди билбей калыптырбыз.

- Ушундай кантип болсун, телефон эле чалып койсоңуз баарын даярдап тосуп алмакпыз, - дешип стол үстүнө дүйүм тамакты толтуруп, жер-жемишти коюп, импорт ичимдиктерди алып келишти. Аерден сый көрүп, көпкө отурушту: "Мындай адам менен жашабаганда эмне экен, канча күндөн бери көзүмдүн агы менен айланып, жооп алалбай турган жигитке мен өтө эле керсейгеним эмнем, Эрмекке караганда турган турпаты да, көрүнүшү да жакшы", - деп Назира ичтен Эрмекке бир шылтоо таап, ажырашмак болуп, ичинен өзүнчө чечим чыгарып койду.

Мейманканадан чыкканда түш болуп калган. Дароо эле жыйналышып, жолго чыгышты. Шаарга келгенден кийин Назираны үйүнө жеткирип, өзү да үйүнө жөнөдү. Ошол кезде Гүлара эки аял, эки эркек болуп, майрам кылып жаткан эле, Нуркандын келгенин машинасынын үнүнөн эле билди да унчукпай калышты. Нуркан аларга сыр билгизбей Гүлараны чакырып алды.

- Эмне, эми ойношуңду үйгө алып келе баштадыңбы? - деди үңүрөйө.

- Сен өзүң ушуну каалагансың.

- Болуптур, эртең ажырашуу кагазга кол коесуң.

- Каршылыгым жок.

- Анда сөз бүттү, бара бер, бүгүн мен атамдарга барып, ажырашаарымды айтып келем. Балдардын кимисин алып каласың, болбосо үчөөнү тең алып кете берейинби?

- Үчөө тең менде калсын, каалаган учурунда келип көрө бересиң.

- Сүйлөштүк анда, - деди да Нуркан кандай тез кирсе, ошондой эле чыгып кетти.

Гүлара турган ордунда көпкө катып калды: "Бул өзү зорго жүргөн экен, шылтоо гана таппай жаткан болчу, ушунубуз да жакшы болду", - деп ойлонуп конокторунун үстүнө кирди.

Назира үйүнө кирип, Эрмектин али келе элегин билди да диванга жата кетти. Анан шашыла туруп айылга, ата-энесине жөнөмөк болду: "Эрмек дагы үч-төрт күндө келет, атам менен кеңешип келейин, мындай мүмкүнчүлүк боло бербейт, ачык эле айтам", - деп ойлонуп, ата-энесине, инилерине белек-бечкек алуу үчүн Дордойго жөнөдү. Чоң сумкага белектерди толтуруп алып, анан айылга кетчү таксилердин турган жерине келди. Дароо эле бирине отурду да, жөнөп кетти. Ал келгенде эле Алыбек акесинин үйүнө келди, жеңеси аны жаркылдай тосуп алды.

- Кызыкем келип калган го, качан келдиңер, Эрмек жокпу?

- Ал атасына кетти.

- Капырай качан төркүлөтөт, кийинки аялы тим эле сүлкүлдөгөн неме экен, кызын төркүлөтөт деп жатты эле.

- Ошого чакырышкан, - Назира жеңесин ойлуу карады, ал азыр апасына караганда, Венера менен кеңешкиси келип турду: "Апам да түшүнбөй коюшу мүмкүн, жеңем мени түшүнөт", - деп ичтен сыза, - Апамдар сарайда элеби? - деди.

- Ооба, бир аз жандыктарына элдикин кошо багып ошондо калды, анткени сарайды акем эптеп приват кылып алган, канча жылдан берки мал баккан мээнетин кайтарып алды, жыйырмадай кой-эчки, эки уй, бир аты бар, - Венера Назиранын алдына дасторконун жайып жатып, сүйлөп жатты.

- Жакшы болуптур, мен кантип барам, жеңе?

- Өзүм жеткирем, коңшунун машинасына сүйлөшө коебуз.

- Жакшы болду анда, - Назира жеңесине өзүнчө алгандарын берип, инилерине момпосуй, анан көйнөк шортаны берип сүйүнтүп коюп, чайга отурду.

Венера сыртка чыгып кетип, бир аздан кийин кайра келди.

- Мына баары даяр, заматта барып калабыз.

- Туралыбы, жеңе?

- Чайдан ичсең боло?

- Ичтим.

- Анда чыгалы.

Экөө ээрчише чыкканда машина келип калды. Алар келгенде Жамалкан үйдөн чыга калып, келини менен кызын көрүп чоочуп кетти.

- Ой, кел кызым, кайдан бу?

- Келип калдым апа, - Назира апасы менен кучакташып ыйлап ийди.

Үйгө кирип, бир аз отургандан кийин Венера кетмек болду. Жамалкан аны кетирбей койду. Улак союп коноктоп, Карыбек экөө аябай кубанып отурушту. Алып келгендерин жайып, атасына костюм-шым, апасына көйнөк-жоолук, инилерине бир сыйрадан кийимдерин берди эле, алар кубанып отурушту. Назира өзүнүн негизги максатын ойлонуп эмне кыларын билбей жатты. Эмдигиче төркүлөтпөгөнүн да айтып таарынычтарын кызына айтканда:

- Төркүлөтпөсө койсун, мен Эрмектен ажырашам, - деп бурк этти Назира.

- Эмнеге? - Жамалкан ага үрпөйө карады, - "Өлсөм да ажырабайм" дебедиң беле?

- Эми жашагым келбей калды.

- Ошонуң кантип болсун, тынч жаша кызым, элдин сөзү бизди өлтүрбөйбү? - Карыбек үңкүйүп отуруп күңкүлдөдү.

- Көрөм да, силер таарынып жатсаңар анан, - деп Назира кайра күлүп калды, - Эмдигиче төркүлөтүүнү ойлоно элек, кайнатам кайра катын алып эле жыргап жүрөт, ошонун ордуна бизди төркүлөтүп алып келсе болбойт беле?

- Мейли эми, ал го өз иши, сенин ажырашам дегениңди экинчи укпайын, - деди Карыбек, анан туруп кетти.

Жамалкан унчукпай отура берди, Венера кесме жасап, тамак бышырып казанда жүрдү, Назира айтсамбы же айтпасамбы деген ойдо көпкө тунжурай ойлонуп, анан:

- Апа, мен сиз менен кеңешейин дедим эле… - деди.

- Эмнени?

- Бир сөздү.

- Кандай сөз экен?

- Мен Эрмек менен жашабайм, ал экөөбүз жашай албай калдык, сизге айтпай коюу мүмкүн эмес, өзүмдү-өзүм билсем деле болот дечи, бирок кеңешейин дедим.

- Айт, айта бер.

- Мен башкага турмушка чыгам.

- Эмнеге?

- Ошол.

- Ким экен ал?

- Министр, саламаттык сактоо министри.

- Балакет баскан кыз, сен ага азгырылып калгансың го?

- Ооба апа, мен Эрмекти жаман көрүп баратам.

- Бас жаагыңды, менден башка укпасын! - Жамалкан ушинтти да сыртты көздөй чыгып кетти.

Назира: "Айтчуну айттым, жолугушуп, учурашып, сагынчымды тараттым, Эми кете берсем болот", - деп ойлонуп отурганда, эшиктен эт көтөрүп Венера кирди, Жамалкандын кабагы карыш түшүп, кесе-аяк кармап келди да, отуруп калды. Аңгыча Карыбек да малын айдап келип короого киргизип, өзү келип дасторконго отурду. Бабырашып отуруп тамактангыча кеч кирди. Венера кетем дегенде болбой коюшту. Эртеси Назира кетем деп чыкты. Анын келгени Эрмекке угулгандыктан досун ээрчитип келе жатып, алыс туруп алды да Медерди жөнөттү. Карыбек жок болчу, Жамалкан чыга калды.

- Кимсиң, айланайын?

- Мен Эрмектин досумун, Назира келген экен…

- Иий Ооба-ооба, .

- Чакырып коесузбу, Эрмек күтүп жатат.

- Каерде?

- Тигил жерде.

- Азыр, - Жамалкан кирип кетти.

Көптөн кийин Назира чыгып, Медерди көздөй басты.

- Кандай Назира?

- Жакшы.

- Эрмек сенин келгениңди угуп келген.

- Кечээ эле келгем, - Алар сүйлөшүп турганда Эрмек келди. Экөө учурашкандан кийин Назира, - Мен кайра эле кетип жатам, - деди.

- Эмнеге, үйгө барбайсыңбы?

- Жок, жумушумдан калып калам.

- Барбасаң болбойт, атам угуптур келгениңди.

- Эрмек, мени кыйнабай эле койчу, барбайм деп жатам го?

- Эмнеге минтип жатасың эми, - Эрмек Назирага жини келе тиктеше түштү.

- Барбайм дедим, барбайм!

- Барбасаң барбай эле кой, үйгө да барба андай болсо! - Эрмек ачууланып жатып жини менен айтты да, бурулуп кетти.

- Барбаса барбай коем, - Назира терс бурулуп, үйгө кирип отуруп калды.

- Эрмек эмнеге келиптир? - Жамалкан анын капалуу киргенин сезип, - Үйгө кир деген жоксуңбу? - деди.

- Аны киргизип эмне кыласың? - Назира бурк эте жооп берди.

- Эмне, уруштуңарбы?

- Жок.

- Мейли эми, кете турган болсоң даярдай берейинби?

- Эчтеке албайм, убара болбоңузчу, апа.

- Эмнеге албайсың, эт-аш керек болот.

- Эчтекенин кереги жок, - Назира кийине баштады, - Мен силерди сагынып эле келгем, - деди да инилерин өөп, апасын кучактап эркелей кетти, - Мен эми бала эмесмин да апа, жакшы тургула ээ?

- Капырай бирдеме ала кетсең болот эле го?

- Жок апа, эч кабатыр болбогула, эртең жумушка чыгышым керек, - Назира сумкасын ала үйдөн чыкты.

Ошол эле күнү кечке маал шаарга келип, үйгө кирип жатып алды. Көз алдында Нуркан, көлдөгү эс алган күндөрү.. . Жылмайып алып жата берди. Ал үчүн азыр Эрмек эмес, Нуркан гана керек болчу. Эртеси эрте туруп жумушуна жөнөдү…

***

Кубандык кудаларын тосуп, жайлоого бир жумадай эс алып жатканда, Жапаркул Жанболотовичти угуп-билгендер тартууларын артынып алып келип жатышты, кой-козусун союп, чакыргандар да болду. Кубандык кудаларын, кыз-күйөөсүн аябай сыйлап, жүгүрүп жүрдү, Жазира Жамийланы көз кыйыгы менен карап коюп, анча сүйүңкүрөбөй жатты, ал анткен сайын Жамийла ага кызым деп кайрылып жаркылдай сүйлөп жатты. Кубандык сыртта жалгыз кечке маал отурганда, Жазира жанына келип отуруп калды:

- Ата, апамдын жылдыгын өткөзбөй туруп, неге аял алдыңыз?

- Кызым, үйдө жалгыз калдым, эркек кишиге болбойт экен, эми силерди жөнөтсөм, Эрмектин аялын төркүлөтүш керек, андан кийин эстеликти тургуздурам го. өзүң ойлосоң кызым, уда-а удаа эле чыгым болуп келе жатам, сенден кийин эле Эрмек үйлөндү, андан кийин кайра апаң өтүп кетти, кыскасы аябай чачылдык го, бир баштан бүтүргөнүбүз жакшы го?

- Ошондо деле апамдын ордун жыл айланбай башка бирөөнө алмаштыңыз, келиниңиз эмнеге келбей коюптур?

- Кайдан билдим.

- Ушуларың жашай албайт го?

- Эмнеге?

- Келиниңиз өтө эле текебер окшойт, байкап жүрөм.

- Ким билет…

- Эми эртең кетебиз ата, көп эле чачыла бербеңиз, Эрмек менен жакшылап сүйлөшүп көрүңүз ээ?

- Болуптур, ал эми качан келет, көпкө турбай кетип калды, андан көрө сен сүйлөшүп көр.

- Мен го сүйлөшөм дечи…

- Эрмек мага сыр чечпей кетип калды, аның дагы "аял алып алдың" деп, кекетип жүрөт, - Кубандык ойлуу улутуна сүйлөдү, - Же жанымда караан болбосо…

- Ата, капаланбачы эми, эмне кылабыз анан, апамды кантип башкага алмаштырабыз деп ойломок элек?

- Болуптур кызым, мен күнөөлүүмүн, жакшы жат эми, биз жолго даярдык көрө берели, - деди да Кубандык ордунан туруп боз үйгө кирип кетти.

Эртеси аларды көчөдөгү үйгө келип, машиналарына түшкөндөн кийин коштошуп калышты. Жазира кетээринде ыйлап кетти. Ал апасынын баскан-турган жерлерин, отурган ордун көрүп, эстеп буркураган бойдон жолго чыкты. Ичи сыйрыла кызынын ички бугун сезген Кубандык, кызынын чачынан сылап, бооруна бекем кысып, анан бетинен өөп, кала берди. Узата карап турган Кубандыктын жанына келген Жамийла:

- Эмнеге ойлонуп калдың? - деди.

- Жөн эле…

- Жазиранын ыйлап кеткенине жүрөгүң ооруду ээ?

- Ооба, апасын ойлонуп кетти жаман кыз. Менде эмне айып, тирүү турса ким билет, мени күнөөлөп жатышпайбы?

- Балдар ошентпей анан, мени көргүсү келген жок, - Экөө ээрчише үйгө киришти. Алар эми отурганда, Амандык менен Сурма келип калды.

- Жөнөттүңөрбү?

- Ооба кетишти.

- Куда абдан ыраазы болуп кетти ээ? - Амандык инисине карады, - Бир аз эртерээк келгенде сонун болмок, чөп саргая баштаганда келбедиби.

- Өздөрүнүн шартына карашты да.

- Ооба десең, чоң болсо колу бошогондо келди да, - Сурма сөзгө кошулду, - Ботом, Назира атасыныкына келиптир дейби?

- Келген экен, Эрмек барса болбой коюптур.

- Төркүлөтпөйт деп жаткан окшойт?

- Ошондойдур.

- Бизге да айтпай кетип калбадыбы Эрмек, - Жамийла чай куюп отуруп, сөзгө аралашты, - Экөө урушуп калганбы…

- Ким билет, жаштарды түшүнүп да, болбойт экен.

- Кийинчерээк эстеликти жасатканы барганда сүйлөшөм го?

- Жакшылап сүйлөшпөсөң болбойт.

Көпкө чейин аркы-беркини кобурашып отуруп Амандык:

- Эми боз үйдү көчүрүп келбесек болбойт, - деди.

- Ооба, алып келебиз го, чоң машина менен барып алып келем.

- Ошент, килемдерди тоого барган балдар тебелеп-тепсеп кирип жатып алышат, бир күнү уурдатып жибербейли.

- Биз кетели, - Амандык менен Сурма туруп жөнөштү.

Аларды чыгарып баратып, Жамийла жеңесине:

- Жеңе, ичим кыймылдай баштады, - деди кубана шыбырап.

- Болсун айланайын, эптеп аман-эсен көз жарып ал, кудай кулум десе куру койбойт деген ушул, жан кишиге билгизбе.

- Ооба жеңе, айтпай калайын, бир туугандарыма дагы айта элекмин, - деп кудуңдап койду Жамийла.

- Ошент, аларга айтсаң да кадимкидей билингенде айтып кой, алар дагы кубанып калышсын, мейли эми, көп оор жумуш жасаба, өзүңдү кара, - деп Сурма жөнөй берди.

Күнгө дем алыш болгондуктан, Кубандык эс алып алайын деп ички бөлмөгө кирип жатып калды. Жамийла тирчилигин жасап болуп, верандада отуруп Эстебесин эстеп кетти…

***

Экөөнүн махабаты күчөгөндөн күчөп, бири-биринен айрылгыс абалга жетип, ал турсун үйлөнөбүз деп калган. Жамийланын атасы бир сүйлөгөндөн кайтпаган катуу киши. Балдарынын баарын тарбия берүүдө бекем кармачу. Кадыржандын Көлдө жашаган досу келип, куда болуп ортодогу достукту бекемдемек болгон оюн айтып калды. Ошондо Жамийла шаарда болчу. Досу кызы Жамийланын сүрөтүн алып кетип, каникулда келмек болуп, айткандай эле баласы Жапарбекти ээрчитип келип калды, аялы Гүлпөт дагы бар эле. Эч нерседен капарсыз ошол күнү Жамийла айылга жөнөгөнү жатып Эстебес экөө сүйлөшүп турду:

- Жамиш, бат келип кал ээ, мен эжемдерге айтып тойго кам көрө берейин, - деп кыздын көздөрүнөн өөп кучагына кысты.

- Сөзсүз эрте келем, апама кеңеше келем, - Элеп-желеп болгон кыз жүзү кызара жооп берди.

- Алтыным десе, сени көрбөй калсам, кантип чыдаар экенмин?

- Чыда, мен тез эле келем.

- Сагынып кетем, эрте кел!

- Кош анда, тез келгенге аракет кылам, - деп келип таксиге отурду да жөнөп кетти.

Үйүнө келип конокторду көрүп тим болду, Жапарбекти көргөн эмес. Өзгөнбек менен Гүлпөттү таанычу. Бойго жетип калган кызды бетинен өпкөн Гүлпөт:

- Кызым бойго жетип калган тура, - деп шыпшына баласына карап койду.

Конок каадасын кылып, мал союп, дасторкон жайып жүрүштү. Өзгөнбек менен Кадыржан өздөрүнчө сүйлөшүп жатканда, кирип-чыгып жаткан Жамийланын кулагына жагымсыз сөздөр угула калып, жүзү өзгөрүлө апасына жүгүрүп кирди.

- Апа, атам эмне деп жатат?

- Эмне дептир? - Үмүт кызына билмексен боло карады.

- Кандай эле билбей каласыз? Мени эмнеге, тигилерге таңып бермек болуп жатабы? - Жамийла ыйлап кирди, - Мен аныңарга эч качан барбайм, мени илгерки кыздардай соодалаганды токтоткула! - деп артына бурула берип, Кадыржандын өзүнө тигиле карап турганын көрүп, буту шилтенбей катып калды.

- Кызым, сенден сурабай эле өзүм билем, сөз бүткөн, андан көрө даярдана бер! - деди да аялына карады, - Кызыңды даярда, ашыкча кепти кулагым укпасын, - Кайра бурулуп чыгып кетти.

- Кызым, атаңдын сырын билесиң, ал менин айтканыма кулак салбайт, макул болуудан башка аргабыз жок, - Үмүт кызын бооруна кыса аста сүйлөдү, - Канча жылдап жашасак да, бири-бирибизге чоочун адамдайбыз, кеп-кеңеш кылбайт, өзүнүн билгенин бербейт.

- Апа-а, эмне кылам? Сүйлөшкөнүм бар, жакында үйлөнөбүз деп, сизге кеңешейин деп келгемин, - Жамийла буркурап ыйлап жатты.

- Атаң бул сөзүңдү укпасын, экөөбүздү тең жыга чапкандан кайра тартпайт, кызым.

- Неге апа, неге элдин атасындай эмес?

- Жигитиң кайдан экен, ата-энеси барбы?

- Кеминден болот, ата-энеси жок экен, эжеси бар.

- Атаң анда сени ага бербейт, жетимдигин укса, ого бетер ачууланат, - Үмүт шыбырай сүйлөдү, - Аргабыз жок, кызым.

- Тамак бышты, эл келип калды, апа, - деп кичүү келини Замира келе калды.

- Азыр кызым, - Үмүт келинин чыгарды да, - Кийин кызым, бир кирип чык, калган сөздү атаң бүтүрөт, ушул айда эле алып кетебиз дешип жатат, - деди да чыгып, коноктордун үстүнө кирди.

Жапарбекти кетээрде таштап кетишти, эки-үч күн сүйлөшсүн деген ойдо болушту. Жамийла аны карап да койбой, качып кетмек болду. Таң эрте туруп, жолго чыгып кетти, шашыла таксиге отуруп жөнөгөн кыз түш оой шаарга жетти, жатаканасына келип Эстебеске чалды, ал бат эле келип калды.

- Эмне болду Жамиш, абдан эрте келдиң го? - Эстебес көрүп эле, күлө сурады.

- Эстебес, мен качып келдим, атам мени Көлдүк досуна бермек болуптур, кудалап жатышат.

- Койчу?!

- Чын, мен качып келдим, артымдан жатаканага келип калышы мүмкүн, - Жамийла ыйлап жиберди, - Эмне кылам, Эстебес? Атам эч кимди укпайт, күйөө болчу неме үйдө азыр, ал аяш атабыздын эле баласы.

- Анда менин жатаканама кеттик.

- Кантип, үйлөнбөй жатып чогуу бир бөлмөдө… - Жамийла жалдырай карады.

- Анда сен жатаканадан чыкпай тур, мен эжеме барып келейин.

- Макул, тез келип калчы, коркуп жатам.

- Келип калам, - Эстебес шашылып жөнөп кетти.

Жамийла бөлмөгө кирип, ордуна жатып алды: "Келип калышпаса экен, сөзсүз атам, өзү келет болуш керек, эми кантем", - деп ойлонуп жатканда чогуу жашаган кыз Бегимай келип калды.

- Сен эмне, барып эле баса бердиңби? - деди ал учурашкандан кийин.

- Китепканадан даярдануум керек, учурашып эле келе бердим.

- Аа-а, - деп койду Бегимай.

Аңгыча Эстебес келип калды, экөө ээрчише чыгып, аялдаманы көздөй эми гана кадам таштаганда алды жактан машина көрүнгөндө, Жамийла Өзгөнбектин машинасын таанып калып, эмне кылаарын билбей, калтырай туруп калды. Машина зуу эте алардын жанына келип токтоп калды да, ичинен агасы менен атасы, Жапарбек болуп үчөө чыкты да, Эстебести бир карап Жамийлага:

- Түш машинага! - деди Кадыржан.

- Ата, мен барбайм, окушум керек, - Жамийла кетээнчиктей артка жылды, - Барбайм эч жакка!

- Үнүңдү чыгарбай түш, - Кадыржандын ачуусу келгенинен өңү кумсара Эстебести карады, - Сен кимсиң?

- Кечирип коюңуз, мен…

- Ата, мен Жапарбекке барбайм, - деп Жамийла өзүн кармай кайраттуу боло түшүп, Эстебести карап, - Мен Эстебеске турмушка чыгам! - деди эле Кадыржан кызын жаакка бир чаап, колунан ала машинага күч менен салды.

Эстебес эрктүүлүгү менен кызды алып калмак болуп, аракеттенди эле, Жапарбек аны түртүп, рулга отурмак болгондо, Эстебес айдатпай тырмышты эле аны катуу түртүп ийди да, машинаны айдап кетип калды. Жамийла ыйлап да, сүйлөп да баратты, Кадыржан ага көңүл бурбай кабагын салып кетип жатты. Ошол айда күч менен Жамийланы Жапарбекке берип ийди, кийин Эстебеске жолукпай калды. Он эки, он үч жылдай жашап, балалуу болбогондон кийин Жамийла айтпай чыгып кетип калган, Жапарбек келгенде барбай койду…

***

Өткөн күнүн көз алдына келтире: "Акылжан жакшы аял экен, экөө бактылуу болушса керек, насип кошулбаса кыйын тура", - деп ичинен өкүнө шуу эттире улутунуп алып, бүлк этип кеткен ичин сыйпалап алды. Чынара эжесине барып сүйүнчүлөгүсү келди, Кубандык уктап жаткан: "Эртең жумушка кеткенде барып келейин", - деп ойлонду да кечкиге тамак жасамак болуп өйдө болду. Баягыдай куспай да калган, өзүнчө эле жер баспай көкөлөп жүргөн кези: "Мен дагы балалуу болом, эне болом, кудай аман койсо, эптеп көз жарып алсам экен", - деп күнү-түнү ойлогону ошол.

Кубандык кеч ойгонду, туруп келип, өңү азгындай түшкөн аялына боору ооруй.

- Сен деле чарчадың канча күндөн бери, эс алып алсаң боло? - деди.

- Чарчаганымды да билбейм, эптеп эле кудай берген баланы аман көз жарып алсам болду, - Жамийла жаркылдай күлдү, - кудайга шүгүр, ичим бүлк эткен сайын жүрөгүм кубанычтан болк этет, кайсы күнү маңдай жарыла күлгөн күнүм болоор экен, Кубан?

- Кам санаба жаным, "ошончолук берген кудай түйүнчөктү өзү чечет" деп жеңемдин айтканын укканым бар эле.

- Ошондой эле болсо экен.

- Жамиш, доктурга качан көрүнөсүң?

- Азыр кое турайынчы.

- Көрүнүп турбасаң болбойт.

- Чоңое түшсүн.

- Мейли жаным, оор иш жасабай жүр ээ?

- Ой кайсы оор иш бар, бекер эле жүрөм го?

- Кыйналып калба, мурда төрөп жүрсөң да бир жөн.

- Кудай сактасын, эртең Чынара эжеме барып келейин.

- Ой барып келе бер, сени барба демек белем, жалгыз эрикпей алаксып, коңшу-колоң менен деле сүйлөшүп турсаң.

- Өзүмдүн көңүлүм жок.

Жамийла ушул кезде тура калам деп, жүрөгү бир кызыктай абалга келип, өзүн жаман сезип кетти, билгизбей тамагын алып келип, анан төшөгүн салды. Жүрөгүнө аш баспай жатып алды. Байкап көрсө, буттары шишип калыптыр. Кубандыкка айтпай эртеси аялдар доктуруна барып көрүнмөк болуп, кезекке турду, мөөнөтү келип, врачтын маңдайында отуруп болгонун болгондой айтып келди да:

- Өзүмдү абдан жаман сезип жатам, - дегенде врач аны жаткырып көрүп, "төрөгөнгө болбойт" деп кесе айтты.

- Ушундайда алдырышың керек, жүрөгүң начар экен, дагы эки айда алты айга толуп, он күн өткөндө төрөө жолу менен түшүрүш керек.

- Эжеке, мен бул баланы канча жылдан бери кудайдан тилеп-сурап келе жаткамын, башка жолу жокпу? Төрөп алышым керек.

- Өзүңдүн абалыңа карашың керек сиңдим, баланы төрөп таштап, өзүң кете бергениң болбойт. Буга чейин дарыландың беле?

- Жок, ооруган эмесмин.

- Билинбей ооруп жүргөнсүң, бир ай мурун келгениңде алып коймокпуз. Анан жакшылап дарылансаң, кайра төрөгөнгө болоор болбосун текшеребиз, тынбай келип көрүнүп турушуң керек, - деп анализге жазып берди.

Жамийла жандүйнөсү ооруй үйүнө келди, эжесине баргысы да келбей калды: "Эми эмне кылам, унчукпай эле төрөп алам, кудайдын боору ооруп калгысы бардыр, көрүнбөй коеюн, эми беш айда төрөйт экемин", - деп анализ да тапшыргысы келбей жүрө берди.

Кубандык анын көзүнүн агы менен тең айланып, күндө анын жанында, жаңы үйлөнгөн жаштардай эле эркелешип жатты:

- Жамиш.

- Оов.

- Сен доктурга көрүндүңбү?

- Жо-ок.

- Эмнеге, доктурдун көзөмөлүндө болсоң жакшы болот эле…

- Денсоолугум жакшы, төрөөрдө эле барайынчы.

- Этиет болчу, эмнеси болсо дагы.

- Кудай сактасын.

- Ошентсе да, - Кубандык тизесине башын коюп жаткан Жамийланы эңкейип өөп, ичин сыйпалап койду, - Менин балам экөөңөр тең денсоолукта болушуңар керек.

- Кыз болобу же эркек болду бекен?

- Кимиси болсо деле аман көз жарсаң болду, толуп жаткан балдарым жок, Жамиш.

- Деги ойлойм да.

- Сага кыз жакшыбы же уулбу?

- Баары бир, төрөбөс атым өчүп, эне болсом болду.

- Ырысым десе, эмдиги жылы ушул маалда балабызды эркелетип гана отурат экенбиз да? - Кубандык Жамийланы тизесинен жылдырып, жаздыкка жаткырды да, бойлошо бетин-бетине тийгизип көпкө жатты. Жамийла болсо ар кайсыны ойлоно өзүн бекем орой кучактаган Кубандыкка:

- Кубан, демим кыстыгып кетти, - деп колун түрттү.

- Жаным, күнү-түн кучагымдан чыгаргым келбей жатпайбы? - Кубандык күлө бошотту да, - Сенин жүрөгүң оорубайбы? - дегенде Жамийла чоочуй карады.

- Эмнеге?

- Дем кыстыккан жүрөк оорудан пайда болот го?

- Ай жок, эч жерим оорубайт.

- Ийи, ошондой эле болсунчу.

- Кам санаба алтыным, балаң экөөбүз денсоолугубуз чыңбыз, - Жамийла күлүп койду. Көпкө эркелешип жатып уйкуга жетеленди.

Жамийла аябай чүнчүп баратты, төрөп алайын десе, өзүнүн денсоолугу жаман, бара-бара жүрөгүнүн кысылганы көбөйүп, билгизбөөгө аракеттенген менен өзүн жаман сезип, кыйналып Кубандык жокто врачка барды.

- Эже, дарыланып төрөсөм болбойбу? - деди ал жалдырай.

- Азыр сага дары-дармек ичүүгө болбойт, балаң алты ай болгондо жасалма төрөтөбүз, андан өтүп көтөрө албайсың.

- Операция жолу менен деле төрөгөнгө болбойбу?

- Жок-жок, сен балаңды алдыргандан кийин жакшылап дарылансаң, төрөп алышың мүмкүн. Тез-тез анализ тапшырып тур, - деп болбой койду.

Жамийла үйүнө келип, аябай ыйлады: "Неге мындай болуп жаралдым, каргышка деле калган жок элем, кимди нааразы кылдым, Жапарбек каргап койдубу? Жүрөгүм ойдон ооруп калган окшойт, күн-түн дебей ак эткенден так этип жүрүп, боюмда болсо эми бирибизди-бирибиз көрбөйбүзбү? Жо-ок, кудайым боор ооруп койор, аман-эсен көз жарып алаармын", - деп өзүн соорото, Кубандык келгенче өзүнө келип, тиричилигине киришти. Эң улуу эжеси бар эле, ал Жамийлага учурашмак болуп Чынара экөө келип калды. Тынара сиңдисин көрүп, таңгалып калды.

- Сен эмне мынча өңүңдөн аздың? - деди учурашкандан кийин.

- Эчтеке болгон жок.

- Ооруп жүрөсүң го дейм, жакын туруп каттабайсың, - Чынара сиңдисине үрпөйө карады, - Же менин колум бошобойт.

- Садага болоюн десе, сени күйөөгө чыкты дегенден бери же келе албайм, же өзүң каттабайсың. - Тынара кейип-кепчип жатты.

- Эми шашпай барабыз да, - деп күлгөн Жамийла чай алып келди.

- Сенин бир жериң ооруп жүрсө керек, сени доктурга көрсөтпөсөк болбойт го, шишимик тартып калыпсың.

- Менин силерге айта турган жаңылыгым бар, - Жамийла сыр билгизбей күлүп, жайдарылана эки эжесин карады, - Сүйүнчү!

- Болсун-болсун, ал кандай сүйүнчү экен? - Чынара менен Тынара бири-бирин карап калды.

- Менин боюмда бар!

- Ырас элеби?

- Атаны кудай жалгагыр ай-я, жакшы болгон тура, сүйүнчүңө ме муну ал! - деп Тынара чөнтөгүнөн акча алып чыгып карматты. - Кудай берет деген ошол, үмүтүңдү кудай улап, эптеп аман-эсен көз жарып ал, бул жөн эле, үйгө барганда бир торпок берем, - Тынара жапылдай кубанып, терин аарчынып алды.

- Жездең экөөбүз дагы сүйүнчүңдү беребиз, эртең келип кетебиз ээ? - Чынара күлүп калды, - Кыскасы үнүң кудайга жетиптир, куттуктайм. Доктурга көрүнүп турушуң керек, мен Ырыс эжеге алпарып көрсөтүп коем, сен төрөгүчө көзөмөлдө болосуң.

- Көрүнүп жатам эже, өзүм эле көрүнөм, - Жамийла шашып кетти. Мен эми жаш эмесмин го, кырк эки жашка чыгып калдым.

- Жо-ок Талантбекова Ырыс эжеге дайындап коеюн.

- Кереги жок, - Ушул учурда Жамийланын кабагы бүркөлгөнүн көргөн Тынара оозун таптап сүйлөгөнү жатканда Кубандык кирди:

- Келгиле, жакшы жатасыңарбы?

- Жакшы, өзүңөр жакшы жүрөсүңөрбү? - Сыпайы учурашып, анан төргө отура кетти, баятан берки сөз уланбай бир азга уурталган чайдын, кашыктын гана шыңгыраган үнү угулуп турду.

Кубандык өйдө турду да.

- Сиздер отура туруңуздар, мен азыр келем, - деп сыртка чыкканда Жамийла кошо чыкты, - Козу алып келе коеюн, кайнежени сыйлабасак болбойт, - деп шашыла жөнөп кетти.

Тынара эки-үч күн жүрдү, Чынара Жамийланы көрсөтөйүн десе такыр болбоду, өз түйшүгүн өзү гана артынып, аларды санаага салгысы келбеди, ансыз дагы басса-турса ойлонуп жүргөн. Эжесин жөнөтүп коюп, анан кийинки күнү анализ тапшырып келди, бөйрөгүндө да бар болуп чыкты. Кош дарт бирдей ачылып, жашоого нааразы болуп: "Мен өлсөм да балам калыш керек, менден бир бала калсын, баламды алдырбайм, ушу жашоого ыраазымын", - деген чечимге келди. Бирок күн өткөн сайын кыйналып, деми кыстыкканы көбөйүп, буттары шишип кетти. Алты айдан өтүп калганда, Чынара Талантбекова Ырыска жолугуп калды. Мурунтан тааныш немелер жакшы учурашып, анан Чынара:

- Эже, менин сиңдим төрөбөй жүргөн, эми боюнда бар экен, силерге учетко турдум деди эле, жашы өткөндө төрөтү жеңил болоор бекен, - деп калды.

- Канча жашта?

- Кырк үчкө карады.

- Ой жанагы Кадыржанова Жамийла эмеспи?

- Аа-а, ошол эже, жакшы элеби?

- Ал силерге айткан жокпу?

- Эмнени?

- Төрөгөнгө болбойт, жүрөгүндө бар экен, бөйрөгүндө да дарты бар, баланы жасалма жол менен алып койбосок, өзүнө зыян, аз күндөн кийин жаткырып, укол менен төрөтүп алыш керек.

- Эмне-е? - Чынара эси оой отуруп калды. - Ошондой деңиз, башка жолу жокпу эжекебай?

- Болбойт, бул баласын алдыргандан кийин жакшылап дарыланса, төрөп алышы мүмкүн.

- Бизге айткан эмес, - деген Чынара Ырыстан бөлүнгөндөн кийин дароо эле Кубандыктын үйүнө келди.

Жамийла жаңы эле ыйлап басылган. Чынара кирип келгенде, жаткан жеринен тура калып:

- Кел эже, - деди күлгөн болуп.

Кубандык ички бөлмөдө бир нерсе жазып жаткан.

- Эмне, ыйладыңбы? - Чынара сөздү эмнеден баштаарын билбей отура кетти, - Сен доктурга барып жатасыңбы?

- Ооба, көрүнүп жатам.

- Эмне деп жатат, жакшы дейби?

- Баары жакшы, эмне болду? - Жамийла күмөн санай карап калды.

- Сен өзүңдүн жаныңа эмне кастык кылып жүрөсүң? - деди Чынара.

- Эмне болуп кетти?

- Сен менден жашыра албайсың, врач менен сүйлөштүм.

- Мен баарын чечип койгом, - деди күңк эте Жамийла.

- Ойлон, баланы табасың, өзүңө-өзүң кастык кылба.

- Ойлонуп койгомун, мен өлсөм да, балам калса болду.

- Эсиң менен бол, бала табылат! - деп Чынара катуу айтканда, Кубандык чыга калды.

- Эмне болду, эже?

- Өзүнөн сура, - Чынара сиңдисине карады, - Жүрөгү начар экен, төрөгөнгө болбойт десе, бул төрөйм деп болбой жатыптыр…

- Жамиш, ушул чынбы, неге муну мага айтпадың?

- Айтканда не, же балам же өзүм аман калыш керек экен. Ушунча жыл күтүп жүргөн наристемди алдырып, өзүм тирүү жүргөндөн көрө балам калсын, - Жамийла ыйлап туруп айтты муну.

- Ошо кантип болсун, шаардагы чоң доктурга алып барам, сен камын, жолун табабыз, - Кубандык Чынарага карады, - Кам санабагыла, өзүм шаарга алып барып, төрөгүчө дарылатам.

- Мурунтан неге айтпайт десең, эртерээк айтса, жакшы эмес беле? - деп Чынара күңкүлдөп ордунан турду, - Мен силер менен барам, үйгө кайрыласыңарбы?

- Мен эч жакка барбайм, баламды алып коюшат.

- Эмне деп жатасың Жамиш, аны чоң доктурга көрсөтүп, өзүң да, бала да аман калат, сен үмүт менен тилектен ажыраба! - деп Кубандык ага жакын келди, - Сен антип өзүңдү таштаба да.

- Мен баарын ойлогом Кубан, мен баламдан айрылгым келбейт, баламдын жашашын каалайм.

- Тил ал, эртең жолго чыгабыз, - деп Кубандык дагы кыжаалат болуп, агасыныкына жөнөдү.

Камылга көрүп, шаарга жөнөштү. Келип эле Жазирага чалды, Эрмекке чалды. Алар тосуп алышып, Эрмектин үйүнө келишти. Назира ал кезде кетип калган. Эрмек өзү чай кайнатып берип, эртеси аларды УЗИге, врачтарга көрсөтүшсө, чындап эле абалы өтө оор экен. "Төрөй албайт" дешти. Он беш күндөй ооруканада жатып, анан ага билгизбей толгоонун уколун салып, врач гинеколог Турарова Күлдаркан Кубандыкка:

- Сиз тез-тез кабар алып туруңуз, жети айында бала болуп калышы күмөн, баланын өсүшү жакшы эле экен, - деди.

- Рахмат, сиздерге кудай жар болсун, колуңардан далай оорулар даба тапкан эмеспи, эми бизге да жакшылык алып келиңиз, - деген Кубандык менен Чынара, дагы иниси аялы менен сыртта басып жүрүп кеч кетишти.

Жамийла бул кезде дем алуусу бир топ оорлоп, зорго басып кыйналып жүрүп, толгоонун келишин күтүп жатты. Жети жарым айга толгонун өзү да билбей калган экен, кадимкидей эле уул, бала бакырып ыйлап түштү. Баланы жаткырып коюп, Жамийла менен алек болуп жатышты. Жамийла эки-үч сааттан кийин гана көзүн ачып:

- Балам тирүүбү? - деди алсыз, - Ыйлаганын уккандай болдум.

- Кам санаба уулдуу болдуңуз, эми өзүңүз да балаңыз да аман, - деп акушерка күлүп жооп берди.

- Оо кудай, аман-эсен көрөмбү деги? - Жамийла ыйлап жатты.

- Балаңыз өтө кичине, ара төрөлдү, бирок жашап кетет. Коркпой, ойлонбой жатыңыз.

- Көрсөм болобу?

- Азыр кое туруңуз, денсоолугун текшерип жатышат.

Ошол убакта Кубандыктар келип калды. Жамийлага укол куюп, анан палатага которушту. Бир туугандары болуп, чогуу кирип келип Жамийланы өөп жатышты.

- Уулдуу болушуң менен.

- Балалуу болушуң менен куттуктайбыз.

- Мына, эми баары жайында, болбогон нерсени жашырып, өзүңдү кыйнап жүрүпсүң.

Булар минтип кубанычтуу куттуктап жатканда, гүл көтөрүп Жазира күйөөсү экөө келип калышты.

- Айланайын, сага чоң рахмат, сен бар экенсиң, минтип экөө тең аман калды, - деп Чынара анын бетинен, колунан өөп сүйүнүп жатты.

Жамийланы Эрмектин үйүнө чыгарып келишти. Кубандык зарыга күткөн уулун көрүп көөнү жайлангандан кийин Эрмектен Назираны сурады эле:

- Кетти, - деп күңк этти Эрмек.

- Кетти дегениң эмнең, кечээ үйлөнүп, кайра бүгүн ажырашуу үчүн үйлөндүңөр беле?

- Аны ошол келиниңден сура, мен келгиче баарын алып кетип калыптыр.

- Эмнеге урушуп жүрөсүңөр?

- Урушкан эмесмин.

- Анда эмнеге кетет?

- Кайдан билем. Ата, бул менин жеке жашоом, силер киришпей эле койгула, - деди акырын гана.

- Эмнеге киришпейм, кайсы ооруканада иштеп жатат?

- Иштебей калган.

- Эмнеге?

- Билбейм, кайда кеткенин да көрбөдүм.

- Мен Карыбектикине барайынчы, айылга барганда.

- Барбай эле коюңуз.

- Ал эмне дегениң?

- Болду, биз ажыраштык.

- Өзүң билчи уулум, деги эмне болуп баратасыңар билбейм, - деп Кубандык башын жерге салып, отуруп калды.

Жакшылык менен жамандык жанаша жүрөөрү чын белем: минтип атасы зарыга күткөн жубайы экөө балалуу болуп көңүлдөрү жайланып отурса, келини Эрмекти чанып кетип калганын кара. Кубандык бу жагдайды жөнгө салмакка айылга кетер күнүн санап калды.. .

***

Назира Эрмек менен таарыныша кеткенден кийин эле шаарга келип, батир таап алып, бүт жүгүн көчүрүп кетип калган. Ал келгенден кийин Эрмек ага телефон чалды да жолугууга чакырды. Экөө жолугушуп сейил бакта көпкө отурду.

- Сенин айтканың боюнча үйдөн кеттим, сен ушуну каалагансың, менден качты дебе, ажырашууга арыз бер! - деди Назира.

- Ошончолук эле ажырашууга даярсыңбы?

- Даярмын, экөөбүздүн жолубуз эки бөлөк экен, сага бала төрөп да бере албадым, балким сен ошону үчүн да жолобо дегендирсиң, - деп Назира аста үн катты.

- Качан төрөйсүң деп сурадымбы?

- Эки ирээт сурадың, мен сактанып жүрөм деп койгомун, калп айтканымдын акыры ачыкка чыгып калышы мүмкүн.

- Өзүң бил, сен каалагандай болсун, арызды кимибиз жазабыз?

- Сен жазышың керек, мен кол коем.

- Эртең ушул жерден, ушул маалда жолугалы.

- Макул, - Назира ордунан туруп кетип баратканда, Эрмек аны колунан кармап калды.

- Акыркы чечимиңби?

- Ооба.

- Акыркы жолу бирге тамактаналы, - Эрмек анын көздөрүнө тигиле карады, - Баягы студент кезде отурчу кафеге.

- Бүгүн эмес.

- Жолугушууң барбы? - Кызгангандай сурады, - Таап алгансың го?

- Иштерим бар, турмуш куруунун кадырын сезбей туруп, мага эми башканын кереги не?

- Кел бүгүн бир өткөндү эстейли.

- Эртең.

- Жок, бүгүн.

Колун кое бербей жооп күтүп калды. Назира анын айтканына аргасыз макул болду. Эрмек катарлаш басып, ар дайым бирге кирчү кафеге кирип орун алышты. Эрмек ар түрдүү тамак-аш алып, бир шампан алды, экөө аз-аздан ууртап, кечке маал чыгып, эки жакка бөлүнүштү, негедир экөөнүн тең бири-бирине болгон сезими муздап калгандай. Кафеден чыгып, бөлмөсүнө келген Назира негедир ыйлагысы келип, керебетке жатып алып, ойлонуп жатканда, телефон чыр этти. Жай туруп барып алса, Нуркан экен.

- Ало, угуп жатам, - деди Назира көңүлсүз.

- Нази, Нази жаным, эмнеге албай жаттың, үйдө жок болдуңбу? - деп шашкалактай суроо берди Нуркан.

- Ооба, иштерим менен жүрдүм.

- Жаным, сагынып кеттим, мен барайынбы?

- Кеч эмеспи?

- Эмнеге, сен үчүн түн ортосу болсо да барам.

- Өзүң бил.

- Анда азыр барам!

Трубканы коюп койгону билинип, түүт-түүт деген трубканы Назира көпкө карап турду да ордуна койду. Негедир жүрөгүндө Эрмекти катуу сүйөөрүн сезди, эмне кылаарын билбей бөлмөдө ары-бери баса берди. Арадан канча убакыт өткөнү белгисиз, бир кезде эшиктин коңгуроосу чырылдап калды. Назира жетип, ачаары менен Нуркан колундагы пакетти кое кучактап, өпкүлөп кирди:

- Ардагым менин, качан бирге болобуз? өз жанымда иштеп аласың, саат-мүнөт сайын көрүшүп, бирге болот элек, - деп кое бербей турду.

- Кое бер эми, кирели ичке, - Назира күлө бошонду.

- Жакында мен ажырашуу кагазын алам, өзүң эмне болдуң?

- Мен бүгүн айттым.

- Кандай кабыл алды?

- Эч нерсе дебеди, өз каалоомо койду.

- Азамат жигит экен, иш оңой чечиле турган болду ээ?

- Буйруса.

Назира стол үстүнө тамак ашты коюп, чай алып келди, бет маңдай отуруп, чай ичип отурушту. Назира миң ойлонуп, миң кайталап өткөнүн эстеген сайын Эрмекти кыя албасын сезип, Нурканга эмне дээрин билбей турду. Экөө айылдан келгени бир төшөккө баш коюп калышкан. Назира өзүнүн жеңил ойлуулугуна азыр бираз өкүнүп турду, бирок канткен менен мансапты алдыңкы орунга коюп, Нуркан менен кетүүгө бел байлап, тобокелге салды. өз тагдырын өзү чечкиси келгендигине бир туруп жини келип алды.

- Нази, - деп анын оюн бузду Нуркан.

- Ийи.

- Бүгүндөн ары чогуу эле жашай береличи.

- Билбейм.

- Ким билип коймок эле, күндө ушул кезде келип калам.

- Ойлонуп көрүш керек…

- Нази…

- Оов.

- Сен күйөөңө бүгүн жолугуп, ажырашкың келбей калса керек, күндөгүдөй эмессиң, ойлуусуң, - Нуркан Назиранын колдорун кармалай көздөрүнө карады, - Мени сүйөсүңбү?

- Сүйөм, - Назира көздөрүн ирмегилей күлүп койду.

- Жаным десе, ажырашаарыбыз менен никеге турабыз. Гүлара дагы күйөөгө тийет экен.

- Чынбы?

- Ооба, прокуратуранын начальниги экөө бири-бирин сүйөт экен, бактылуу болгула дедим, - Нуркан күлүп калды.

- Чын эле ошенттиңби?

- Ананчы, балдарды болсо ата-энем бага турган болду.

- Сен аябай ак ниеттик кылыпсың.

- Жашообуз болбогондон кийин жаман-жакшы айтышканда эмне, ортодо балдарыбыз бар, алардын да кадырын ойлобосо болбойт, Нази.

- Туура, менде кармалаар эч себеп жогунан ушинтип жүрөт окшойм, - Назира Нурканга карап, күлүп калды, - Балким балам болсо билбейм, эмне кылмакмын.

- Эми экөөбүз балалуу болобуз.

- Көрөбүз го, мен төрөбөй каламбы деп да кээде коркуп кетем.

- Эч коркпо, сен али жашсың да.

- Баса, кайнатамдын кырктан ашкан аялы жакында төрөптүр.

- Ыраспы?

- Аз эле болду, мурда такыр төрөбөптүр.

- Андайлар боло берет, жумурткасы кеч жетилсе керек…

- Ошондой го?

- Жаталычы жаным, мен кечке чарчадым.

- Төшөк даяр, мен азыр кирем, - деген Назира идиш-аягын жууп-тазалап ашканада көпкө жүрдү.

Бир кезде артынан келген Нуркан аны кучактап, көтөрүп алып, уктоочу бөлмөгө алып кирди.

- Сагындым, эркем.

- Мен дагы, - Назира шыбырай көзүн жума анын эркине көнүп берди…

Эртеси болжошкон жерден Эрмек экөө жолукту, анын жаза келген арызын карап, Назира кол коюп бере салды да шашылыш экенин айтып, кетмек болду.

- Рахмат сага Эрмек, ортобузда балабыз болгондо, балким мындай болмок эместир, - деди саал жылмая.

- Көңүлүң болбосо, кыстап эмне кылам Назира, эмнегедир биздин сүйүүбүз өзүнөн-өзү сууп кетти, балким ажырашпай эле бөлөк жашап көрсөк болмок, анткени ошондо гана билинет, бири-бирибизди сагынышып, сүйүүбүз бекемделмек, - деп Эрмек аялынын колун кармалап көпкө карады.

- Жок, ушундай кылганыбыз туура болоор. Чакырса чалып кой, барып калам.

- Макул, жакшы бар, - деген Эрмек анын колун кое берип, көпкө артынан карап туруп калды.

Назира да кетип жатып, артына бурулуп, кетпей өзүн селдейе карап турган Эрмекти көрүп, аяп кетти, шарт артына кайрылып жүгүрүп барып, мойнуна асылгысы келип токтой калды, бирок ички сезимдери аны: "Сен туура эмес кылып жатасың, чоң бакытка кадамыңды таштоодон кайтпа. Ата-энеңди кемсинтишкени эсиңден чыгып кеттиби?!", - деп үн салгандай болуп басып жөнөдү.

Ошол күнү да, андан кийин дагы Эрмекке жолукпады, акыры арадан бир ай өткөндө соттон чалышты. Ал тез эле ажырашып кетебиз деп ойлогон эмес, сот аларды эки-үч чакырды да, Эрмек экөө беттешкенден кийин иши бүттү, ажырашып тынды.

Нуркан ага чейин эле ажырашып бүтүп, Назираны шаштырып жаткан. Экөө эртеси эле үйлөнүп алышты. Эрмектин ата-энеси да каршылык кылбаган менен үйбүлөнү ошол Нуркан бузгандай көрүп жатты. Бул жаңылыкты уккан Жазира бир күнү анын үйүнө телефон чалды, Эрмектен алган экен.

- Ало, - деди Назира.

Жазиранын үнүн тааный коюп кое койду. Ал кайра чалды.

- Угуп жатам, - деди Назира токтоо гана.

- Назира, уятың барбы, бирөөнүн да, өзүңдүн да үйбүлөсүн бузгандан уялбайсыңбы, Эрмектен ашыкча бекен? - деди ачуулана.

- Аны иниңизден сураңыз, мени өзү чыгарып койгон.

- Шылтоону таппай жүргөнгө себеп боло калдыбы?

- Мен сиз менен айтышпайм, - деп телефонду кое койду Назира, - Акмак, телефон номерди эжесине берип койгонун кара, - деп сүйлөнүп алды.

Нуркан келип, экөө ата-энесиникине бармак болуп жатты. Назира атасы киргизбей койчудай ойлонуп, ичинен сары санаага батып: "Бечара болуп жашап келатат, жоош момундугун эл айбанга чыгарышат, Эрмектин ата-энесинин айтканы али эсимде, үч машина менен барсак кандай тосуп албайт экен, адегенде акемдерге айттырып ийейин", - деп автовокзалга барып, Алыбекке кат берип кайра келди. Достору бир машина, экөө өздөрүнчө бир машинада, ачуу басарга алынгандар менен апасы, жеңеси болуп кеч күүгүмдө жетишти. Алыбек туугандарын чогултуп, даярданып күтүп турушкан. Конокторду тосуп алып кой союлуп, кыз-күйөөнү тосуп алды.

- Кудалар, насипте айла жок экен, эки бала табышып калыптыр, алдыңарга ушинтип келип отурабыз, - деп Нуркандын улуу агасы Нурмат сөз баштады.

- Келгениңер жакшы, балдар бактылуу болсун, - деди Карыбек башын ийкегилей.

- Бул күйөө балаңар, аты Нуркан Сулайманович, менден кичүү, менин атым Нурмат.

- Жакшы-жакшы.

- Бу киши биздин апабыз, - деп Нурмат бирден тааныштырып чыкты, - Бул ачуу басар менен биротоло эле ала келгенибизди кабыл алып коюңуз, жүз миң, - деп Карыбектин колуна берди, - алыс жолдо, мал-сал алып келе албайт экенбиз.

- Жок-жок, келгениңерге рахмат, - деп Карыбек шашкалактап калды, - Кызды калыңга сатпай, бак берсин дейбиз да.

- Туура куда, башкысы бактылуу болушсун.

- Кудагый-куда, эми алып келген сарпайыны тапшыралы, - деп Нуркандын апасы Асылкан келинине ымдаганда анысы чоң сумканы көтөрүп келип жанына койду. Кийиттерин тапшырып болгондон кийин, - Биз эми кайра-кайра алыс жолдо убараланбай, чогуу ачуу басар менен төркүлөтүүсүн жасап коелу дегенбиз, - деди отуруп жатып.

- Рахмат-рахмат кудагый, келгениңиздер жакшы, - деп Жамалкан баш көтөрө албай отурду, оюнда: "Эртең эле айыл эли кеп кылып чыгат, ажырашпай туруп тийип алганы эмнеси", - деп өзүнчө уялып жаткан эле. Назира аны сезип эле турду. Алыбек менен Венера кирип-чыгып конокторду тейлеп, кой союп, кешик даярдап, жаны тынбай жүрөт. Назираны көзү менен ымдаган Жамалкан сыртка чыгып, Назира апасынан озуна сөз баштап:

- Апа, эмне болуп жатасыз, мен Эрмекти тандоодон жаңылып, силерге кандай гана кемсинткен сөздөрү тийбеди беле, унутуп каласызбы?! Ошондо эле аларга ичим жылыбай калган. Эми чындап өз бактымды таптым, капаланбачы, апке, - деп кучактап алып өпкүлөп ийди.

- Күйөөң менен жашап жүрүп эле тийип кеткениң жүзүбүзгө чиркөө болбойбу?

- Апа, Эрмек экөөбүз жакшылыкча ажырашып бүткөнбүз.

- Качан?

- Бир ай болду.

- Иши кылып бактылуу болчу, кызым, - деди эненин жүрөгү аргасыз кызына ийигендей.

Нуркан экөөнүн үйлөнгөнүн уккан Эрмек жумушунан бошонду да, Россияны көздөй кетип калды.

Назира Нуркан иштеген министрликке жумушка орношуп иштеп калды. Карыбек көчөгө үй сала баштап, кызынын арты менен бутуна туруп калды. Назира ошол жылы кош бойлуу болуп, үйдө болуп калды. Нуркан министрликтен кетип, менчик оорукана ачып алды.

Ай-күнү жетип, Назира балканактай уул төрөп алды. Жамалкан кызынын көз жарганын угуп, дароо жетип келди. Күйөө баласы Нурканды астейдил куттуктап, кызы көп кечеңдетпей балалуу болуп алганына жетине албай турду. Куда-кудагыйлары менен мамыры-жумуру кобурашып, деле көңүлү жай. Эртеси төрөтканага барып:

- Айланайын кызым, башыңа баш кошулуп, эми толук бүлө болдуңар, ушул ырыскың башыңан кетпесин, ылайым, кудайым күйөө балам экөөңөргө жакшылыгын аябасын, - деп эки бетинен өөп, жанына жайланып отурду.

Аңгыча кучагына толтура гүл көтөрүп күйөө баласы Нуркан кирип келип, Назираны эки бетинен өөп, уулуна эзиле карап, анан Жамалкан менен учурашты.

- Нази, куттуктайм! Апа, небереңиз кут болсун!

- Болсун-болсун, балам!

Жамалкандын жүзүнөн нур төгүлүп, кызы менен күйөө баласы небересине кантип жалынып жатканын карап: "Жаратканым ылайым ушулардын тилегин кабыл кылып, эми ушул бүлөсүн бекемдеп берсе экен" деп ичинен миң кайталап жалынып жатты.. .

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз