Айгүл ШАРШЕН


"Аталык парз"


- "Кыз экенде баары эле жакшы, жаман катын кайдан чыгат", - деген чын экен, жылтыраган өңүңө кызыкпай, жакшы катын издесем болмок! - деди бир күнү.

- Мен сага жабышып тийдим беле, кааласаң азыр ала бер жакшы катынды! - Жылдызкан тилин тартпады.

- Тилиңдин узундугу жыландыкындай, уусу адамды өлтүрөт тим эле, - Бегиш ачуусу менен чаап ийди эле Жылдызкан:

- Өлүгүңдү көрөйүн алкаш, өзүңдүн ичип жүргөнүңдү билбей, менин балакетимди аласыңбы?

- Энеңди урайын катын болгон, бала-салаңды ал да жогол!

- Мен эмес сен кетесиң, балам менен эч жакка кетпейм мен! - Экөө урушуп жатып, акыры Бегиш сабап салды. Эки күндөн кийин Жылдызкандын ата-энеси келип, аларды ортого алышты. Энеси Жумабү кызына болушуп, күйөө баласына ажылдап киргенде, Жамгырбек аны тыйды.

- Болду, экөөндө тең күнөө бар, биринен болбойт, кана күнөө кимден кетти? - Кыз-күйөөсүнө карады, - Уруш-талашыңар эмне?

- Ата, баарын менден көрөсүңөр, качан болсо ичип келип алып, сөгүп уруп жатса деле, унчукпай коембу? - Жылдызкан ыйлап, балбалактап жатты.

- Балам, жашоону жаңы баштадыңар, уулуңар бар, ичкилик адамга жакшылык алып келбейт, жакшы жашоо үчүн үйдө тынчтык, ынтымак керек, - Жамгырбек токтоо сүйлөп, кыз-күйөөсүнө акыл-насаатын айтты. Бегиштин апасы жок, атасы экинчи аялы менен жашачу. Окууга өтүп, экинчи курстан таштап, Жылдызканга үйлөнүп, айылдын четинен жер алып, эки бөлмө үй салып алышкан. Жамгырбек колунан келгенинче жардам берип турчу. Ошондуктан Бегиш өйдө карай албады, күнөөсү өзүнүн ичип келгенде сөгүп, кагып урушуп калган адатын эстеп, Жылдызкандын тилинин ачуусун айта албады, үндөбөй отуруп, кайрадан жашап калды. Жылдызкан күйөөсүнүн унчукпаганынан пайдаланып, үстөмдүк кыла баштады. Бегиш жакшы эле ичкенин токтотуп, жумуш издеп чыгат деле, кайрадан кызуу келет, өзүн кармап, андай убакта уулуна алаксып, аялына сүйлөбөскө аракет кылган менен Жылдызкан атырылып кирчү болду.

- Ийи, арактан атаң өлгөнсүп, дагы ичип келдиңби, качанкыга ата-энем багат сени, иштесең иште, болбосо мен ажырашам!

- Жылдызкан, жумуш таппай жатам, болуп калса эле иштейм, - Бегиш нымтырай жер карады.

- Жумуш жо-ок, жумуш жо-ок дейсиң, аракка акча табасың, сендейлер керилтип үй салып, үйүн толтуруп, катындарына кийбегенди кийгизип багып жатат, а сен тырмактай балаң экөөбүздү багалбай арак ичип, сенделип басып жүрөсүң!

- Эмне кылайын анан, жумуш табам буйруса, - деп унчукпай жеңчү болду.

Бир күнү Жылдызкан коңшусу менен сүйлөшүп отуруп:

- Тажап кеттим Аккыз, күндө ичип келет, иштеген иши жок, - деп кейип-кепчип калды.

- Ии-ий, мен сага бир сөз айтайынбы? - Аккыз ага акырын шыбырады, - Сен көрүп жүрөсүңбү, Бектин досу келип жүрбөйбү. Анын аялы жок, өткөндө сени көрүп жактырып калыптыр, - деп аны бир чаап күлүп калды, - Ал өзү бизнесмен, тапканы укмуш, кыз жакпай бойдок жүрөт.

- Койчу калпыңды, ошондой бизнесмен болсо, кыздарды жактырбай жүрсө, мени эмне кылмак эле? - Жылдызкан кыткылыктай күлүп, Аккызды чаап койду.


- Чын айтам, келген сайын мага айтканынан күйөөңдөн коркуп, айталбай жүрөм, тааныштырып кой деп, жанымды койбой жатат ой.

- Билбейм ай, күйөөмдөн да тажап кеттим, качан болсо төркүнүмдөн сурап, алып келип отурам, өмүр бою ушинтип жашайлыбы ыя?

- Эй кызык экенсиң, ушу убакта пайдаланып кал да, дагы бир-эки жылдан кийин сени эч ким карабай калат, - Аккыз аны ого бетер көкүтө баштады, - Жанагы ичкичтен, сен эмес көргөн сайын мен тажап, жиним келе берчү болду.

- Көрөм го? - Жылдызкан ойлуу туруп баратып, өзүнчө ойлонуп баратты: "Эмне болмок эле, күйөөмөн жыргабасам, же иштебейт, эгер чын эле жагып калсам, көздү жумуп кете берем", - деген чечимге келип турду. Ошондон баштап, эшикке чыкса, коңшусунун үйү жакты карай берет. Кашайып анысы да келбей калды, Жылдызкандын күткөнүн айт. Бир күнү Бегиш ичпей биртике эт, кант-чай, акча алып сүйүнүп келди.

- Жылдыз, мен жумуш таптым, буйруса крупный алам, бирөөнүн үйүн бүткүчө алдык, ачкычын тапшырабыз, - деди кабагын ачып, бакылдай уулун алдына алып.

- Жакшы болгон тура, эми ичпей жакшылап иштесең.

- Ичпей калайын, уулум экөөңдү жакшы багам.

- Ошент, уулубуз чоңойсо, кийим кийет, чоң ичет, элден корунбагандай бололу.

Бул күнү жубайлар алгачкы күндөрдөгүсүндөй бактылуу бапырап отурушту: "Бегиш иштеп жакшы тапса, мал күтүп, эл катары жашасак, башканын мага эмне кереги бар, уулум чоңойсо, атасы бөлөк дедирбей жашай берем", - деп ойлоп алды. Бегиш ошондон баштап, бир жумада бир келип, жатып иштей турган болду. Жылдызкан уулу экөө калып түнү бою ойлонуп жатып уйкусу кача турган болду: "Эртең Бегиш келет, кийимин жууп, тазалап койдум, келсе тазараак кийип кетсин", - деп кир жууп жаткан. Аккыз келип калды.

- Кир жууп жатасыңбы?

- Ооба, эртең Бегиш келет, кийимдерин жууп коеюн, кайра кетет да.

- Аа-а байкуш десе, "эрдин азабы да, азили да бар" дегени чын, жумуш таап иштеп калганга көңүлүң тынып калдыбы, он-он беш күн, бир ай иштейт, андан кийин кайра эле баягы таз кейпин кийет да.

- Мейли, такыр иштебей, ичип жүргүчө иштеп калып, жакшы болду, - Жылдызкан анын айтканына терикпей, кайра күйөөсүн жактап сүйлөдү.

- Жылдызкан, мен сага баягы иш боюнча келдим, Курманбек эртең менен келиптир, сени көргөн тура, бүгүн бир тааныштыр дейт, - Аккыз аны сынай карады.

- Эже, жинди болсо деле эрим менен болоюнчу, жан кашайганда киши сүйлөй берет экен, балам турса…

- Ой кокуй десе, сени эмеле алып кетип жатты беле, бир жолугуп таанышып кой, жөн эле кире калган болуп. Балаңды ээрчитип бар, - деп коюп Аккыз кетти.

Жылдызкан отурган жеринде ойлуу: "Эмне кылсам, жылуу очогумду суутпай, тынч эле жүрө берсемби, күйөөм турганда эмне кереги бар", - деп бир топко отура берди. Баласы коляскада отуруп, ыйлай баштаганда, ала коюп, үйгө кирди. Жай отуруп, чай ичип, анан бети-колун жууп, кийимин алмаштырды: "Көрсө көрүп коеюн, таанышканда эмне болмок эле, өзү үйлөнбөгөн болсо, мени эмне, көрөт да? - деген ойдо уулун көтөрүп, үйүн бекитти да, Аккыздын үйүнө жөнөдү. Ал келгенде, төрдө жазы маңдай, кашы калың, мурду кырдач, ак жуумал жигит отурган экен. Жылдызкан киргенде, ал ордунан тура калды. Тартынып Жылдызкан шашып кеткенинен:

- Отура бериңиз, биз бул эле жерден келдик, сиз коноксуз, - деди жылмайган бойдон.

- Жок-жок, аял кишини сыйлаш керек, пайгамбарды да аял төрөгөн, эненин таманында бейиш деген сөз бар! - Ал болбой Жылдызканды төргө өткөрдү, - Уулуңуз сизге окшош экен, - күлө карап калды.

- Ооба, мага да атасына да окшош дешет, эмнеси болсо да аман болсо болду, - Жылдызкан эңкейе уулун өөп алды.

- Кантсе да биринчи көрүшүп жатабыз, таанышып алсак кандай болот? - деди ал, - Менин атым Курманбек.

- Менин атым Жылдызкан.

- Эң жакшы болду, эми сүйлөшүп отурсак болот, - Курманбек алдында турган тарелканы ага жылдырып, - алыңыз, - деди.

- Сиз ала бериңиз, мен ушул жерден эле… - Сылык жооп кыла кашык менен аста алып, оозуна алып баратканда, уулу Рамис кашыгын тартып алып, этегине салат төгүлүп калды, Жылдызкан уяла баласын отургузуп коюп, салфетка менен тазалап койду.

- Жылдызкан, жөн эле кой, эчтеке болбойт, бала ошентет да, - Аккыз аны уялбасын дегендей жайгара сүйлөдү, күйөөсү винодон куюп, ар биринин алдына коюп:

- Кана эмесе, Жылдызкан сүйлөп койбойсуңбу, демейде кирчү эмес элең, бүгүн бир келип калыпсың, Курманбек досум келип калыптыр, - деп Жылдызканга карады.

- Сүйлөп кой Жылдызкан, - Аккыз да сүрөп койду эле, ал стаканды колуна алып, сүйлөп кирди.

- Эмне дейин, достугуңуздар мындан ары артып, ар дайым ынтымакта жүрө бериңиздер, баарыңыздарга бак-таалай каалайм, - Жылдызкан жылмая карап, стаканды оозуна тийгизип, кайра коюп койду.

- Апээй, ошо кантип болсун, ошону жөн эле алып кой эми, - Аккыз Жылдызканды нааразы боло карады.

- Мен ичпейт эмесминби, өзүң деле билесиң го, кыйнабай эле койчу, Аккыз.

- Жок-жок, болбойт, бул ичимдик деле эмес, вино, азыраак алып кой эми.

- Болбойт, эртең күйөөм келет, ичкенимди билип калса…

- Тобо-о, Бегиштин мурунку күнү ичкениңди билип койчу касиети барбы ыя? - Аккыз аны сырдуу жылмая карады.

- Болушу мүмкүн, Бегиш абдан сырдуу жигит, - Бек аны карай тамаша ыргытты, - Эч үйдөн чыкканыңды да көрбөйм, мүмкүн ал баарын билип турат го ээ?

- Ошондой болушу мүмкүн, иши кылса корком.

- Сиз абдан ыймандуу келин экенсиз, "күйөөмдөн корком" деген аялды биринчи көрүп турам, - Курманбек Жылдызканды какшыктагандай карап сүйлөдү, - Алып коюңуз эми, биздин көңүлүбүз үчүн, адам көңүлү гүл дешет го, анын сыңары гүл көңүлдү оорутпаңыз да, соолутпаңыз!

- Иче албайм десе болбойсуңар, Жылдызкан көзүн жумуп туруп ичип жиберип, оозун басып калды эле, Курманбек:

- Арак ичкендей ачууркандыңыз да, бул вино эле го? - деп күлө карады.

- Ичип жүрбөгөн соң баары бир эмеспи, ичкилик болгон соң ачуу да, - Жылдызкан кымырына отуруп калды, - Аккыз, мен барайын, балам да уктап калды.

- Кое тур эми, бата кылгандан кийин деле кетесиң, бул эле жерге барасың го?

- Отура туруңуз, күйөөңүздү абдан сүйсөңүз керек? - Курманбек сырдуу жылмайып, аны карап койду.

- Ооба, сүйлөшүп жүрүп, үйлөнгөнбүз.

- Ык… - Курманбек көзүн жумуп ийди, анын жүрөгү чындап Жылдызканды жактырып калган эле, азыр өзүнүн аялын эстеди аргасыз…

Курманбек шаарда окуп жүрүп, кышкы сессиядан кийин келсе, апасы катуу ооруп жаткан экен. Эки кыз бир уул, Курманбек жалгыз бала. Төшөктө жаткан Акылбү уулунун чекесинен өөп:

- Уулум, мен бул оорудан өйдөлөнбөй калдым окшойт, жок дегенде сени үйлөнтүп, келинимди көрүп өлсөм, арманым жок эле, - деп көз жашы кылып араң сүйлөдү.

- Апа, сиз жакшы болуп кетсеңиз анан үйлөнөм, өзүңүз жоолук салып тосуп аласыз, - Курманбек апасынын колунан кармалап, жубата сүйлөдү, - Жакында сакаясыз.

- Кайдан, - Акылбү онтолой карап, уулуна жалдырап ийди, - Сенин келечегиңди ойлоп, азап чегип жатам уулум, эжелериңдин өз жашоосу бар, алардын көзүн карабай үйлөн уулум, баарын даярдап койгом, кыздын ата-энесине да сүйлөшкөмүн, кыз абдан жакшы кыз…

- Апа, мен ал кызды көрбөсөм кантип?

- Көрсөң жактырып каласың, өңдүү-түстүү кыз, акылдуу дагы, үйлөнөм деп сөз бер жарыгым, - дегенде, алсыз энесинин демигип, зорго сүйлөгөнүнө зээни кейип, көпкө ойлонуп турду да аргасыз:

- Макул апаке, сиз өлөм дебеңизчи, мен баарына макулмун! - деп жиберди.

Ошентип, Элмирага үйлөндү. Бир айдан кийин Акылбү кете берди. Ыйлап-сыктап, аны өз жайына койгондон кийин Курманбек окуусуна кетти, келинчеги үйүндө жалгыз калды, эжелери жакын болгондуктан, ага балдарын жөнөтүп карап калышты. Бирок көңүлү жок үчүн Курманбек келбеди, апасынын кыркында келип, кайра кетмек болгондо Элмира:

- Сен кетсең, мен дагы кетем, мен сенин үйүңдү кайтарууга тийдим беле сага, болбосо шаарга ала кет! - деди эле Курманбек ага каршы болуп койду.

- Бир аз чыда, апамдын турпагы сууй электе үйдү жаап, ээн таштап койсок кантип болсун, жайында сырттан окуу бөлүмүнө которулам, анан чогуу болобуз.

- Дагы ошого чейин жалгыз жүрөмбү, элден уялып жатам, күйөөсү карабайт экен деп кеп кылышат го? - Элмира ыйлап жатты.

Курманбек аны эптеп жубатып:

- Эмнеге, мен окуп жүрөм да, болбосо кайда бармак элем, сен мени түшүн, кечээ эле апам өлсө, мен сени алып, шаарга кетип калсам болбойт, эжемдер сени жалгыз койбойт, - деп аста өөп коюп, жөнөп кетти.

Анын жүрөгүндө Элмира үчүн бир дагы жылуулук жок эле, жүрөгү муз менен таш болуп деги жактыра албады. Элмира кашы көзү кара, татынакай эле келин, бирок жылдызы жок эле. Негедир адамда сүйкүмдүү көрсөтүп турган жылдыз болот эмеспи, кээде анчалык сулуу эмес кыздын да адамга жылдызы жанып, өзүнө тартып турат. Элмира муздак эле, канчалык өзүнө сулуу көрүнгөн менен адамдарга жакчу эмес. Курманбек ага бериле албады, сүйө албады. Жазда келем деген бойдон келбеди. Элмира атасыныкына кетип, андан ары күйөөгө тийип кетти. Аны шаарда жүрүп уккан Курманбек айылга келип, эжелеринен аныгын угуп: "Туура кылган экен, баары бир жашай алмак эмеспиз", - деп кубанып алды. Андан бери төрт жыл өттү, көңүлүнө кыз жакпадыбы же өзү кыздарга шыгы жокпу, бойдок жүрөт. Бек экөө аскерде чогуу болушкан, жакындан бери келип, короого чыкканда эки жагы тосулбаган үйдүн эшигинен Жылдызканды көрүп, бир келгенде Бекке:

- Бул келиндин күйөөсү барбы? - деп сураганда ал күлүп:

- Ооба, күйөөсү бир дөөпөрөс да, катын баласын багалбай ичип жүрөт, - деди.

- Бек, мүмкүн болсо ушул келин менен тааныштырбайсыңбы? - деп калды Курманбек.

- Ой сен соосуңбу, анын күйөөсү бар да? - Бек ага таңгала карады.

- Мейли, кандай болсо да тааныштыр…

- Кызык экенсиң дос, башы бош суйкайган кыздар толуп жатса, бирөөнүн аялын эмне кыласың, бирөөнүн катыны бирөөгө кыз көрүнөт болуп жатасың го?

- Баары бир, сен кандай ойлосоң ойло, бирок мага ошону жолуктур! - Курманбек ушинтти да басып кетти. Курманбек аны жан дили менен сүйдү, аны эстегенде уйкусу качып, иштеген ишин да унутуп, бир башкача абалга келди да кайрадан Бектин үйүнө келди, жок дегенде короосунан бир көрүп алгысы келди, көргөн сайын көргүсү, жүрөктөгү эч жанга айтылбаган арзуусун, ак сүйүүсүн дал ушул жаш селкиге арнагысы келди. Бек менен Аккыз ага ары айтса да, бери айтса да болгон жок, отурган жеринде Бекти тикирейе карап:

- Канча кааласаң берем, Аккыз экөөң эмки келгенимде аны менен сөзсүз жолуктургула! - деп алдына бир боо акча таштады.

- Ой дос, мындайыңды кой, эрлүү катын биздин тилди алабы-жокпу, кеп ошондо, - Бек акчасын өзүнө жылдыра жаман абалда калды.

- Кандай болсо да, мен аны менен таанышкым келет! - Курманбек таштаган акчасына карабай туруп кетти.

Ошондон кийин гана Аккыз кеп учугун чыгарып, Жылдызкандын сырын тарткан болчу. Азыр ошолорду ойлоп, эрди-катын бирдемени шылтоо кылып чыгып кетип, экөөнү жалгыз калтырды. Жылдызкан ыңгайсыздана уулун бооруна кысып, туруп кетмек болгондо, Курманбек аны колунан кармай калды.

- Жылдызкан, бир аз отура турчу!

- Кой, сиз менен азилдешип отургудай башы бош аял эмесмин, кечирип коюңуз мени, уулумду кыйнабай үйгө алпарып жаткырайын, - Жылдызкан ыңгайсыздана анын колун түртүп, бир колу менен уулун бооруна бекем кысып, бошонууга аракеттене тартып жатканда:

- Мен сизди көпкө кармабайм, бир ооз гана сөзүм бар, анан бара берсеңиз болот! - деп колун кое бергенде аргасыз туруп калды, - Жылдызкан, мен сенден бир сөз сурасам болобу?

- Сураңыз тезирээк.

- Күйөөңүздү сүйдүңүз беле?

- Сүйгөм, сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз.

- Ал сизди чын дилден сүйөбү?

- Эмнеге сүйбөйт, сүйгөн үчүн мага үйлөнгөн да?

- Жалган! - Курманбек анын көздөрүнөн тигиле карап, - Сиздин көздөрүңүздө сүйүүнүн бир дайыны жок го? - деди.

- Эмне? - Жылдызкан аны элейип, бир азга карап туруп анан, - Кызык жан экенсиз, сөзүңүз бүттүбү? - деди.

- Бүттү, - деп башын ылдый кыла эки колу менен мыкчый чайкап күлүп алды, - Эми бир мүнөткө тура туруңуз, - Курманбек төш чөнтөгүнөн кат алып чыгып ага сунду, кат калың конвертке салыныптыр, - Ушуну окуп, анан мага жообун берээрсиз, - деп коюп кыңкая жатып алды, - Жакшы барыңыз?

- Жакшы туруңуз, - Жылдызкан катты баласынын артына далдоолоп алып, чыгып баратканда Аккыз:

- Кеттиңби Жылдызкан? - деди да кошо чыгып, короонун четине чейин узатып келип, - Жакшы бар эми, капа болбой өзүң жакшылап ойлон, мен деле сени бузуп жиберейин деген оюм жок, бирок жакшы адамдын назарын сындырба. Чынында Курманбек сенин кадырыңа жетчүдөй, күйөөң ичпей калган менен көнгөн адаты калмак беле, бир күнү жумуш жогуна шылтоолоп ичет да, жакшы жашап бактылуу болгуң келсе, жакшылап ойлонуп чеч! - деп кала берди.

Ананчы, акча деген адамды кандай нерсеге алып бараары белгилүү эмеспи, бир боо акча беш миң сом болчу, бекерден келген акчаны аш кылуу дагы оңой эмес, ооздун желин аямак беле?

Жылдызкан үйүнө келип төшөгүн салып, баласын жаткырып жаап койду да, столдун үстүндө турган конвертти колуна алып ары-бери карап: "Окубай эле койсомбу, балким азгырыктын баары ушунун ичинде болуп жүрбөсүн", - деп ойлогон менен карегине жабышып калган сымал, Курманбектин элеси тартыла калды. Анан шаша-буша ачып окуганга киришти.

"Жылдызкан, мен сени капа кылайын деген ойдон алысмын. Бирок күнү-түнү жаныма жай бербеген жүрөгүмдүн үнүн сага жеткире албай күн-түнү азап чегип келем. Анткени, сени бир көргөндөн бери элесиң ээрчип алды, ургаачыга ушул кезге чейин көңүл бурбаган экенмин, көрсө ыйык сезим адамга келмейин, эч нерсени баалабайт турбайбызбы? Мен үйлөнгөмүн, бирок ага көңүл буруп, жашай албадым, балким аны сүйбөдүм окшойт. А сен менин жүрөгүмдүн ээси болооруңа бир көргөндө эле ишенгем, сени мен ушунчалык катуу сүйдүм, андыктан сенсиз жашай албасымды сезип олтурам. Суранам, сүйүүмдү четке какпа, жүрөгүмдү суутпа, балаңа ата, өзүңө сүйүктүү да, туруктуу да жар болуп берүүгө сөз берем, өмүрүмдүн ар бир мүнөтүн кубанычка, ырахатка бөлөөр жалгыз өзүңсүң, сенсиз менин жашоом тозокко айланып, күнүм түнгө айланаары шексиз… Курманбек" - деген жерге келгенде Жылдызкандын колу калтырай кагаз менен кошо конверт түшүп кетти, андан кымбат баалуу чынжырча менен шакек, сөйкө ыргып көзүнө көрүнө түштү: "Кызык, күйөөм туруп, мен ага кантип кетмек элем?", - деп эңкейип чынжырчаларды алды, баасы менен экен, конвертке салды да, кайра коюп койду: "Эртең өзүнө берип коеюн, Бегиш көрсө эмне дейт, кайсы акчага сатып алдың десе, эмне кылам?", - деп уулунун жанына кыңкайып уйкусу качып телмире шыпты тиктеп жатып кеч уктаган, ойгонсо күн көтөрүлүп калыптыр. Үйүн жыйнап, бети-колун жууп чай коюп койду да, конвертти алып сыртка чыгып баратканда, короонун оозунан Бегиш көрүндү. Кыйшая басып, көкүрөгүн жая басканынан эле кызуу экенин сезди Жылдызкан: "Дагы ичип алган тура", - деп ачуусу келип, урушмак болду да кайра: "Өлүп кетпейби, минтип жүрө берсе кетип калам, урушуп мээ короткон кайран сөз", - деп ойлонду да кайра үйгө кирип кетти. Бегиш кирип келип эле.

- Жылдызка, карачы мен канча акча алып келдим, көрдүңбү, уулум экөөңөргө мыкты кийим-кече алсаңар жетчүдөй акча! - деп бакылдап жатты.

- Канча таап келдиң? - Жылдызкан аны жекире караган менен башка сөз айтпады: "Ичип жүрө берсин, бул баары бир көнгөн адатын таштабайт го, Аккыз туура айткан экен", - деген туюмуна ишенди, үндөбөдү. Бегиш иштеген акысынын жарымын алып келген экен, жыйырма беш миң, толук бүтсө, элүү миңден алышмак, үч жүз элүү миңге баалап, жетөө иштеп жаткан. Суз гана акчаны ары коюп, чайын коюп, дасторкон жайды. Кызуу келген Бегиш анын бул мамилесин байкабады, жатып уктап калды. Жылдызкан кайтарып бермек болгон буюмдарын берүүдөн баш тартты, эмне болсо да өз тагдыры үчүн, жакшы жашоого, уулунун келечегине карап баарына көз жумуп кете бермек болду. Бирок кыз кылыгына, аялдык амалга салып, Курманбекти жакшылап сынап көрмөк болду оюнда. Эртеси Бегишти үйүнө коюп, өзү айылдын чоң дүкөнүнө барды да, өзүнө баалуу кийим-кече, бутуна жакшы туфли, уулуна бир сыйра, Бегишке дагы бир сыйра кийим-кече алып келди, азыртан ага шек бергиси келбей, өз оокатына киришти. Кечке маал Аккыз келди, ал Жылдызканды ымдай сыртка чакырып чыгып:

- Бегиш үйдөбү? - деди шыбырай.

- Жок, ал азыр эле чыгып кеткен.

- Жумушунабы?

- Эртең кетет, бирге иштегендеринин бирине жолугам деп кетти.

- Аныңды кечээ эле көргөм, итабар кызуу келди го ээ?

- Ий-и, ичип алыптыр, акча алышыптыр, анан ичишсе керек да.

- Ой ичпеген киши ичпей эле коет, ушуга ишенип, бир мүмкүнчүлүктү колуңан чыгарганы турасың, байкуш сен деп, жүрөгүнө аш барбай жаман кыйналып жүрөт, ишенсең ал сени уш-шунчалык катуу сүйүптүр ай!

- Түшүнбөйм деги, сүйүп эле үйлөндүк, же үйлөнүп алгандан кийин сүйүүнүн кадыр-баркы билинбей калабы, - Жылдызкан ойлуу короонун оозун көз албай телмире сүйлөдү, - Сүйүп жүрүп жетпей калса, ошондо гана адам арман кылып, сүйүүнүн баркын сезет экен да?

- Кой, сени менен сүйлөшүп жатып келген жумушумду унутуп калганымды кара, - эки жагын карана шыбырап койду, - Курманбек сага жолуксам дейт!

- Кантип, азыр менин күйөөм үйдө, эри бар аялды аңдыган кандай неме, андан көрө мунусун алпарып берип коюңуз, - деп конвертти колуна берди.

Аккыз элейе карап койду да, басып кетти.

Ошол күнү Бегиш кайрадан жыгылганча мас болуп келди. Жылдызкан короосунун оозунда турган эле, Бегиш жолдун аркы өйүзүнө бир, берки өйүзүнө бир басып ооп, зорго келе жатканда Бек менен Курманбек да чыга калды. Аларды көргөн Жылдызкан үйүнө кирип кетти.

- Жж-ыл-дыз, ме-мени кеч-чирип ккой-чу жа-ан-ым, ич-иип алды-ым, - Бегиш тамтаңдай босогону зорго аттады да, көмкөрөсүнөн жыгылып түштү.

Жылдызкан ызасынан көзүнө жаш тегерене аны бир топко карап туруп: "Өлүп кет", - деди да жатып алды. Түн бир оокумда ойгонгон Бегиш:

- Ой жок дегенде төшөккө жаткырып койбойт белең? - деп туруп келип жанына жатканда Жылдызкан негедир өз күйөөсүнөн өзү жийиркенип кетти, - Угуп жатасыңбы? - деп ачуулана түрткөндө, жини келип башын көтөрө:

- Сени көтөрүп жаткырганга алым жетеби, арактан атаң өлгөнсүбөй, эсиң менен ичпейт белең, эчтеке билбей өлүк болгуча ичесиң! - деп жиндене кагып салды.

- Койчу эми, балдар ичебиз дегенинен эле, көбөйүп кетпедиби…

- Ошентип ичип жүрсөң, кантип адам болосуң, эгер ичкениңди токтотпосоң баламды алам да, кетем!

- Кой баламды менден ажыратпа, экинчи ичпейм, уулум атасы жок чоңойсо, сени күнөөлөйт, эмне деп жооп бересиң? - Бегиш дале кызуулугу билинип, ылжыңдай аны белинен имере кучактамак болду эле, ал колун түртүп ийди, - Сен эмне болуп жатасың, эмне менин катыным экениң жалганбы?

- Ичип алып сас-сып турсаң, сага ким чыдасын, сен өзүңдү бир карап көрсөң боло, келе жатканыңда коңшулар карап турса, уялганымды сурабай эле кой, ачык эле айтамын азыр, дагы бир жолу ичип келсең, мени токтотуп калам деп ойлобо?

Экөө көпкө чейин чукулдашып жатып, таң да атып кетти. Бегиш башы ооруганынан эчтеке ичпей жумушуна кетип калды. Эки жагын жыйып, баласын жуунтуп, кир жууп, анан ойлонуп отуруп калганда, сырттан Аккыз кирди.

- Отурасыңбы, күйөөң кеттиби?

- Ооба кетти, келиңиз, - Жылдызкан ага жылмая төргө өткөрдү, - Чай ичиңиз.

- Жо-ок шашып жатам, - Аккыз нан ооз тийип эле, чыгып кетти.

- Отурсаңыз боло?

- Кой, жумушум көп, - Аккыз болбой кетип калды.

- Мейли анда, - Жылдызкан унчукпай узата карап турду.

Уулун көтөрүп алып чыгып бараткан эле, алдынан Курманбек чыга калды, экөө беттешип калды.

- Оой сиз…

- Ооба, сени көргөнү келдим Жылдызка, азыр көрсөм эле, кайрадан көргүм келет, түшүнчү, алтышка! - Курманбек аны эки колу менен тосо кучактамак болду, - Кечирип кой Жылдыз, мен сенден жооп угуу үчүн өзүм келдим.

- Мен али ойлоно элекмин, өз турмушум турса, кантип мен ак никемди бузуп, бөтөн эркек менен басып кетем? өзүңүз деле ойлонсоңуз боло, ортодо балам турса…

- Жылдыз, сезип турам, сен деле күйөөңдү сүйбөйт экенсиң, мен сени алтынга бөлөйм, астыңа машина мингизип, кол алдыңа кызматчы жалдап берем, ишен мага! Сен мага түбөлүк жар болуп берсең болду?!

- Жо-ок, мен ойлонойун, бир аз убакыт бериңиз, өзүмө келип алайын, мени кыйнабаңыз, - Жылдызкан аны жалооруй карады. - Азыр кетиңиз, коңшу-колоң көрүп калса, ушак кылат, мындан ары үйгө келбеңиз, мен өзүм жолугам.

- Макул-макул, жаным, мен эки жумадан кийин кайра келем. Мына муну ал, мен муну сага атайын арнап алгам, - Курманбек конверттин ичиндегини колуна кармата чыгып кетти.

Жылдызкан турган жеринде катып калды, Бегиштин паспорту жогунан ЗАГС ала албай уулуна күбөлүк ала алган эмес, ушуларды ойлоду: "Жадагалса өз баласына атын бере албаган неме мени жыргатат беле, андан көрө жашоонун жыргалын көрүп, каалагандай жашаганым жакшы эмеспи, келин болсом да жалдырап турган жигитке кете берсемби?" Ошондон баштап, жуунуп таранып, өзүнө каранып калды. Бир-эки жумадан кийин келмек болгон Курманбек тез эле келип калды. Бул кезде жумушунан көп ичкенинен куулуп, Бегиш үйдө болчу. Жылдызкан ого бетер карайып алды: "Ушундан көрө, өлүп калбайбы, мен ушуга кор болгончо" - деп ойлонуп жатканда Аккыз келди. Бегиш мас болуп жаткан. Ал акырын көзүн ымдай Жылдызканды эшикке чакырды.

- Ай, ушунуңа жаш жаныңды кор кылбай кетип эле калсаң боло?

- Шашпа, мен дагы ойлонушум керек Аккыз, аның дагы бир күнү "эриңди таштап келгенсиң" деп башымды оорутуп жүрсө канттим, "аңгектен качсаң дөңгөккө"- деп азабымды жебеймби?

- Эч кандай азап тартпайсың, төбөмө көтөрүп багат элем деп жатат, кудай десең күйөөң, балаң турса сага ашык болуп, эсин жоготуп калыптыр, бир келген бактыңды теппе!

- Сен бара берчи, бул азыр баш ооруганын жазганы кетсе өзүм барам, - Жылдызкан Аккызды жөнөтүп, үйүнө кирип кетти.

Бегиш коңурук тартып уктап жаткан, жанынан өтө бергенде буруксуп арак жыттанып, Жылдызкандын көңүлүн айлантып жиберди: "Ырысы жок, кантээр экенсиң, балаңдын, аялыңдын сенден кетип жатканын сезээр бекенсиң, шордуу" - деп көзүнөн мөлт этип жаш ыргып кетти. "Кантсе да кыз алган жарым эле, арга канча, күндө минтип ичип жүрсө, адамча жашай албайбыз", - деп акырын отуруп алып, уулун ойнотуп жатканда Бегиш туруп каны катып, суу ичти да башынын ооруганынан эшикке чыкты. Жылдызкан үн дебеди: "Атаңдын канын ичкенсип, дагы кеттиң", - деп ойлоп жатты. Бегиш аялынын унчукпай калганына ичинен кымылдап: "Жакшы акча таап келип койгонго эчтеке дебей калды, эми ичпейм, башым басылса токтотом", - деп ойлоп чөнтөгүндөгү катып алган акчасына баш жазганы жөнөдү. Ал кетээри менен Жылдызкан үйдөн чыкты. Жүрөгү абалкысынан башкача лакылдап, ыйлагысы келип, ары-бери басып тынчтана албай жатты. Көптөн кийин чечкиндүү ойго келди да, Аккыздыкына жөнөдү. Курманбек аны чыдамсыздык менен күтүп туруптур.

- Келдиңби, ардагым? - деп аны көкүрөгүнө кысып алып, бир демге турду да, - Кана, жообуң даярбы? - деп шыбырай сурады.

- Ооба, мен даярмын! - Жылдызкан жер карап туруп жооп берди, - Мен сиздин эркиңиздемин!

- Оо ардагым, мен ыраазымын, - Аста бетинен өөп, - Качан кетели? - деди.

- Сиз качан десеңиз… бирок менин ким менен кеткенимди эч ким билбеш керек!

- Ал сөзсүз, түн катып кетип калабыз, мен даярданып келейин, - Курманбек эчтекеге карабай түндөп, жөнөп кетти.

Аккыз менен Бек ошентип ичтеринен тынып кала берди. Жолдоштуктун милдетин аткарып, алардын тоюна камынып, Жылдызкан менен тымызын сүйлөшүп жатышты. Бегиш болсо көзүн ачпай иче берди. Жылдызкандын аны таштап, басып кетээри түк оюна келген да жок. Үч күндөн кийин Бегиш адатынча эчтеке билбей мас болуп жатканда, Жылдызкан жасана кийинип алып Курманбектин машинасына түштү да, кете берди. Алдыда кандай мүшкүлдүү иш же бакыт турганы ага бүдөмүк болсо да, баарына кайыл болуп турду. Кантсе да өзүн сүйүп, сүйүү катын арнаган жигиттин жары болууга даяр болду. Курманбектин заңгыраган беш бөлмө тамы ичи толгон дүнүйө, экөөнү эжелери аны жакшы тосуп алып, чакан той өткөрүп үйлөнүп алышты. Уулун ала келген. Курманбек аны өз баласындай үйрүлүп түшүп, көтөрүп, эркелетип жаны калбайт, Алар абдан ынтымактуу. Жылдызкан чечимди туура кабыл алганына ичтен өзүнө ыраазы болуп жүрдү.

Бегиш эртең менен ойгонуп, сынып ооруган башынын айласын таппай, чөнтөгүн сыйпалап, эчтеке таппады. Жылдызканды жаткан ордунан таппай сыртка чыкты, төшөк салынбаганын көрүп: "Атасыныкына кетип калган экен" - деген ойдо карыздап иччү дүкөнгө барса, ал жолотпой койду. Үйүнө келип, жарым кап унду, май менен кантты көрдү да, унун көтөрүп барды.

- Мына эже, жарым кап ун, бир бөтөлкө берсеңиз болду, - деди.

- Деги жан койбойт экенсиң го, үйүңдөгү жеген наныңды сатып ичсең, талаада каласың, ырысы жок десе! - деп дүкөнчү аял самапал аракты колуна карматты.

- Рахмат эже, башымды жазып алсам эле, экинчи ичпейм, - Бегиш бөтөлкөнү койнуна катып жөнөдү.

- Тобо-о, аракты койнундагы аялынан, баласынан да артык көрөт, буга окшогондор, - деп дүкөнчү аны жаман көзү менен карап кала берди.

Бегиш башын жазып, эки-үч күн үйүндө жатты, анан бир аз өзүнө келип алып, кайнатасынын үйүнө барды.

- Кел Бегиш, өзүң эле келдиңби? - деди короодо жүргөн Жамгырбек.

- Мм, Жылдызкан келген жокпу? - Бегиш кайра кайнатасына суроо берди.

- Жо-ок, ал биякка келмек беле?

- Үч күн болду, келээр десем жок, анан өзүм келдим.

- Кудай ур, экөөңөр дагы уруштуңар беле? - Жамгырбек күйөө баласынан күмөнсүй карады.

- Жо-ок, урушкан деле эмеспиз, - Бегиш күнөөлүүдөй жер карады.

Үйгө киришти. Жумабү угуп алып, ыйлап кирди. Жамгырбек аны тыйды да, Бегиштин апасынын үйүнө издеп, түндөп тынчсызданып Бегиштин өзүнөн көрө баштады. Эч кимге билгизбей ич арадан коңшуларынан сураштырып жатты. Бирок эч кимден оңдуу жооп ала албай үйүнө келди. Бегишти кошо ала келип, милицияга алып бармак болуп, кеңешип жатканда, эртеси таң заарында эшигинин алдына машина токтоду. Жамгырбек утурлай басып барганда, түшө калган жигит учурашты да кат берди. Жамгырбек катты окуп, үнсүз жини келгени же кубанганы белгисиз туруп калды. Катта мындай деп жазылган экен:

"Ата, апа кандайсыңар? Ата, сиз мени кечириңиз, анткени мен силерге айтпай, Бегиштен өз эрким менен кеттим. Аргасызмын, Бегиш ичкенин токтото албады, адамдай жашоону билбеди, өзүңөр билесиңер, Рамиске күбөлүк ала албады, минтип жүрсө бизди кантип багат? Өмүр бою көз жашымды төгүп, силерден оокат сурап жүрүп өтөт белем? Биздин ЗАГС да жок. Ошондуктан өз тагдырымды өзүм чечтим, сүйлөшүп жүргөн жигитке турмушка чыктым. Мындан аркы бактым ошонун колунда. Кечиргиле ата, апа, менин башка аргам калган жок! Эгерде кызыңарды туура көрүп, чечимиме каршы болбосоңор, ушул машина менен келип кеткиле, биз сиздерди күтөбүз, Жылдызкан, Курманбек" - деп акырына кол коюп да коюптур. Селдейе көпкө турган Жамгырбек каттын маанисин Бегишке айтпай, аны жөнөтүп ийди да, Жумабү экөө кеңешип алып, чабаганчы жигитти үйгө киргизип, чай беришти да, кызынын ал абалын билүүгө жөнөштү. Эркек эмеспи, Жамгырбек кызынын кылыгына ичинен ачуусу келип жатты. Анткени менен сыртынан билгизбеди. Шаарга жетип, заңгыраган кооз үйлөрдү аралап барып, жер үйлөрдүн көчөсүнө кирип токтогондо, үйдөн Курманбек чыга калып, кайра кирди да, Жылдызканды чакырып чыкты, адегенде эле "мен күйөө балаңармын" деп айтыш ага кыйын болду. Жылдызкан акырын чыгып баратканда, жездеси Урмат аны токтотту.

- Жылдыз, кир кире бер үйгө, биз турбайбызбы, "куда-кудагый тосуп алаар эч кимиси жокпу?" деп ойлобойбу, биз эле тосуп алабыз, - деп бажасы Кылычты ээрчитип, дарбазаны ачып, машинаны киргизди да:

- Келгиле кудалар, келиңиздер! - деп машинадан түшүрүп алышты.

Эжелери Айтурган менен Айтолкун дасторконун жайып, жаркылдап тосуп, үйгө киргизип, коюн союп, конок шаанисин кылып жатышты. Жылдызкан менен Курманбек экөө кирип учурашышты эле, Жумабү кубанып, экөөнү бетинен өөп, алкап жатты. Анткени турмуш жайын көргөндө эле: "Садага кетейиним, туура эле кылыптыр, өзүн карай албай ичип жүргөн алкаш жыргатмак беле? Жашоосу ойдогудай, жетиштүү эле экен, кызымды кор кылбай бакса болду" - деген ойдо болуп турган. Жамгырбек деле көргөндөн кийин ошону ойлоп калган.

- Куда, - деди Айтолкун улуусу болгондуктан, - Күйөө балаңар Курманбек биздин жалгыз инибиз, ата-энебиз өтүп кеткен, биз өбөк-жөлөк болуп, ушунун аманчылыгын тилеп отурабыз.

- Эч нерседен кабатыр болбоңуздар, Жылдызканды келинибиз эмес, сиңдибиздей көрөбүз, иним жалгыз, баласын оор көрбөйбүз, бул чоңойсо, Курманбектин бир жагына өбөк-жөлөк болот, - Айтурган эжесин коштоду.

- Биз Курманбекти үйлөн деп чарчап бүттүк эле, үйлөнөм дегенин угуп, кубанып жетип келдик. Айылда чоң үйү турат, бул үйдү жакында алган, бизнеси жакшы, жашоосу кудайга шүгүр, көрүп турасыздар, талаша турган эч кимиси жок, өз оокатын өздөрү жасап, бала-чакалуу болуп, бактылуу жашаса, биздин кубанычыбыз, - Урмат да кайнисине ниети таза экенин, өз бир тууганындай көрөөрүн айтып отурду. Кылыч андан бетер барбалаңдап, кудаларын сыйлап жатты.

- Биз ыраазыбыз го, - Жамгырбек ойлуу алардын ар бирине токтоло карады. - Биз Жылдызканды издеп жатсак, катты алып барып калды, эмне болуп кеткенин билбей да калдык, билип келели деп эле келдик… - Башын ылдый сала, - Жылдызкан жалгыз эмес, эки агасы, бир эжеси, сиңдиси бар, тууган-туушкан дегендей, силер бизди эмес, агалары менен чоң атасы, жеңелерин сыйлагыла, салтта ата-энеси кууп келген адам жок, - деди.

- Ооба айланайын, кабатыр болуп жатканбыз, анан кандай болуп кеткенин түшүнө албай калдык, - Жумабү күйөөсүн коштой сүйлөдү.

- Куда-кудагый, эч кам санабагыла, Курманбек аман болсо баарын сыйлап алат, биз дагы четте калбайбыз.

- Баш алган жер чабылат, чачылат, бүлөбүз жарашса эле, башкасы эч кеп эмес. Курманбегимдин учу узарып, бир башы эки болуп, бактылуу болсо, булардан эчтекебизди аябайбыз, - Айтолкун аларга жылмайып сүйлөп отурду. - Жылдызкан келинимдин башынан ак жоолук түшпөй, убай-чубай ак уул, кызыл кыз төрөп берип, үйдүн ичи баланын күлкүсүнө толуп турса, кандай ырахат, куда?

- Туура айланайын, эми экөө бак-таалайлуу, ырыс-кешиктүү эле болсун, кудай экөөнө ынтымак берсин, - Жумабү чын ниет менен ак батасын берип, ыраазы болуп турду.

Ызаат-сый менен астына акча коюп, кийит кийгизип, кешикти мол салып берип жөнөтүштү. Жылдызкан бактысы башынан ашып, Курманбекти бактысына жолуккандай сезип, жаратканга ыраазы. Курманбек жаңы алган келинчегине келгендин эртеси эле алтын жасалгаларды алып берип:

- Жылдыз ыраазысыңбы? - деди кучактап отуруп.

- Абдан, ишене албай турам, "балким түшүмбү?" деп да ойлоп коркуп кетип жатам, - Жылдызкан ага наздана карады.

- Ардагым менин, мен сени кандай сүйөөрүмдү билесиңби? - деп Курманбек кытыгылай басып жыгылды, - Мен сүйүүнү түшүнчү эмесмин, отузга чыккыча сүйүп көргөн жокмун, башкалар айтса, таң калаар элем, көрсө сүйүү керемети күчтүү сезим тура, акыл эсимден ажырап кала жаздадым, эгер сен макул болбосоң ала качмакмын!

- Койчу, чын элеби?

- Чып-чын.

- Кызык…

- Айтчы Жылдыз, сен мени сүйөсүңбү? - Курманбек анын тизесине башын коюп алып, көзүнө карап, жооп күтүп калды.

- Курман ойлосоң, мен сүйгөнгө жетише албадым, бир жагынан Аккыздын, экинчи жагынан сенин айткандарың, үчүнчү менин зээнимди кейитип, Бегиштин ичип туруп алганы санаага гана салып туруп алды. Ишенсең тагдырыма таарындым, күйөөмө өчөштүм, анан минтип сенин жаныңда отурум, - Жылдызкан ага күлө карады, - Эч кам санаба, мен сенин түбөлүк жарыңмын, кө-өп жылдар бою бирге жашап, уул-кыз үйлөп, небере-чөбөрө көрүп, бактылуу болобуз.

- Жа-аным, мейли жанымда отурганың эле мен үчүн чоң бакыт! - Курманбек Жылдызкандын тизесине башын койгон бойдон, аны кучактап алып, кере дем алып алды, - Менин бактым, ак кушум, кайталангыс ак сүйүүм!

- Ыраазымын, өмүрүм өткүчө ыраазымын, сен жолукпасаң эмне болоорумду ким билет эле? - Жылдызкан ойлуу, аны эңкейип өөп койду, - Бактыма жаралсаң керек, бизди тагдыр жолуктурду, Курманбек!

- Туура, тагдыр кошту экөөбүздү, - деп сүйлөшүп отурду, айтылып бүтпөгөн сүйүүнүн сөздөрү, жүрөк эргиткен, көңүл көкөлөткөн сезимдер экөөнү ушул ирээт бактынын бийик чокусуна чыгарып турду. Рамисти өзүнчө жаткырып коюп, түндүн керемет шоокумун тыңшап, бири-бирине ырахаттуу сезимдерди арнап, сүйүүнүн алгачкы жемиштерин эки жүрөк бирине-бири тартуулап жатты.

Бегиш эмне кылаар айласын таппай, ичмек турсун баласы менен аялын ойлоп, үйүнөн чыга албай калды: "Ага эмне болду, балким менин ичкениме жини келип, апасы бекитип жаткандыр, же шаарга кетирип ийдиби? Эмнеге ичкиликти катын баламдан артык көрдүм экен, чын эле ичпей туралбай калгамын, мага чала, кокус өлүп калса канттим, а баламчы", - деп сары санаага батып ачка ток жата берди. Жылдызкан беш миң сомду сандыгына салып катып койгон, ичээрге эч нерсе жок калганда сандыкты ачып, сатканга бирдеме издеп жатты. Аңтарып жатып жаңы эркек көйнөк, эндей кездемелерди таап чыкты: "Эптеп өткөрүп, жегенге бирдеме алсам болду", - деп ойлоп, кайра буюмдарды ичине салып жатып, баласынын көйнөгүнө оролгон акча чачылып кеткенде, сүйүнүп кетти. Тамак ашын алып келип, анан негедир оюна досу түштү, ордунан туруп, ага баратып короосунун жанында турган Бекти көрүп, андан бирдеме сурамакка аны карай басканда ал короосуна кирип кетти, Бегиш артынан барып:

- Бек, ээй Бек, токтой турчу!

- Эмне болду? - Ал бурулуп сүйбөгөндөй бурк этти.

- Токточу, - Жетип андан жактырбаганын сезсе да.

- Бек, Жылдызкандын кайда кеткенин билбейсиңби? - деди.

- Өз катыныңды сен билбесең, мен кайдан билмек элем?

- Жөн эле сүйлөсөң эми, теңтушпуз го. Аккызга кайда бараарын айтпады бекен?

- Аны кайдан билем, өзүң өлгөн доңуздай болуп күндө ичип, коңурсуп жатсаң, аял дегендин кадырын билбесең кетет да, кетээр катын сырын бирөөгө айтмак беле?

- Иттики десе, өзүмдөн да өтүп калды, аның туура, кой мейли кошуна, - Бегиш үңкүйө басып баратты.

Досу өзүнө окшоп ичип коюп, кара жанын багып, жашап жүргөн Бактыбек деген бар эле. Жолдо кетип жатып, дүкөнгө кайрылгысы келди, бирок өзүн токтото ары жөнөдү, алдынан чыга калган бет маңдайындагы коңшусу аны көрүп:

- Беке кандай, мына эми оңолупсуң, ушинтип эле ичпей жүрө берсең болот эле го, катының да кетпейт эле, - деп бакылдап калды.

- Ит болдум, ушу каапырдын айынан катын-баламды жоготуп алдым, катуу таарынды го, көңүлү калды.

- Таарынмак турсун, аның эрге тийип кетпедиби?

- Эмне?

- Эмгиче уга элексиңби?

- Сен эмне деп жатасың, кайдагы катындардын ушагын угуп алгансың го? - Бегиш ишенип-ишенбей аны оңурая карады.

- "Катын каңырыш укпайт, укса калп болбойт" дейт, катындардын ушагы жок эле, болгон иш, сасып ичип жүрсөң, койнуңдагы катының качат да? - Дүйшөбай аны жини келе карады, - Керек болсо кайнатаңдар ага барып келген!

- Кантип, Жылдызкан койнумда жатып эле эр издеп жүргөнбү? Андай болушу мүмкүн эмес, бул ушак, ушак, ушак!!! - деп темтеңдей басып баратты, ал азыр ичпей мас болуп турду.

Үйүн көздөй сенделип баратты: "Мен аны табам да өлтүрөм, менден кыйын күйөөнү тапканын көрөм, эн-неңи урайын акмак десе! Эрдин башын аттап кеткен кандай болоорун ага көрсөтпөсөм элеби, баламды бирөөгө кор кылбай алып келем", - деп ойлонуп жатты. Ачуусу келип, жаны жай албай дүкөнгө барып, беш бөтөлкө аракты алып келип алды да, иче баштады, эч нерсе билбей улам көзүн ачып, кайра ичип алат, ошентип ал ызасынан жан кейиткен санаадан кутулуш үчүн ичип алып, издеп барууга чамасы келбеди. Акыры көзүн ачпай ичип жатып, бир айдын ичинде сакал муруту өсүп, эч ким тааныгыс болуп өзгөрдү. Тамак аш ичпей карандай ичкилик ичип, эси ооп жатып, дайыны чыкпай калды, бир күнү атасы анын дайынын угуп, кабар алганы келип, үйдө өлүп жатканын көрдү. Ал колуна бош бөтөлкөнү кармаган бойдон үзүлүптүр, аргасыз ыйлап-сыктап, алып кетти да, өз жайына койду. Ошентип Бегиш аял, баласынын таштап кеткенине чыдай албай, акыры өлүп тынды…

Жылдызкан анын өлгөнүн Аккыз менен Бектен укту, зымырайып унчукпай тим болду, анын ичип жатып өлгөнү аны ого бетер жиндентти: "Өлүп кеткир, арактан атасы өлгөнсүп, катын-баласынын кеткенин да сезген эмес го?", - деп ойлоп уулун жыттап коюп, отуруп өзүнүн азыркы бактысына ыраазы болуп турду. Курманбектин өзүн чын жүрөктөн сүйгөнүнө көзү жетип, ага бериле баштаган, Рамис тамтаңдап басып калган эле, Курманбек жумуштан келип, үйгө кирип келе жатканда.

- Ата, ата-ата… - деп аны көздөй канатын жая жетип барганда, кубанып кулачын жайды.

- Уулум, жыгыласың, садага кетейин десе, атасынын уулу го, сагынып кеткен го атасын, - Курманбек көтөрүп ала коюп, көкөлөтө өөп жыттап жатты, ан сайын борс-борс күлгөн наристе анын кулагын, оозу-мурдун кармап ойноп жатты.

- Ата-ата-ата!

- Атаң айлансын сенден!

Аларды карап турган Жылдызкан көзүнө жаш тегерене кубанычтан кудайга, ушул алган жарына ыраазы болуп, көз жашын көргөзбөш үчүн ашканасын көздөй басканда, Курманбек:

- Уулум мени сагыныптыр, а сен сагынган жоксуңбу? - деп алдынан тосту, - Кана мени карачы!

- Балага кошулуп, бала болуп кетесиң го, мен экөөңө тамак берейин, - Жылдызкан ага күлмүңдөй жашын көргөзбөгөнгө аракеттенип жер карады, - Азыр мен…

- Ма-акул, акыры уулум экөөбүздүн колубузга түшөсүң!

Жылдызкан дасторконго тамактарын коюп, Рамисти өз ордуна отургузуп, алдына тарелкага тамак коюп, Курманбектин алдына дагы коюп жатканда, ал анын колун кармап калды.

- Жылдыз, айтчы деги, жүрөгүңдү мага ача аласыңбы?

- Курман, мен алда качан сендик болгомун, жүрөгүм баш болуп, бүт тулку боюм сеники, эгер сага көңүлүм жок болсо, ээрчип келет белем? - деди ойлуу анын көздөрүнө тигиле.

- Мен бактылуумун жаным, сенин ар бир дем алган абаңда өзүм болсом дейм, басам-турсам көз алдымдасың, негедир сени сүйгөнүмдөн жанымда болсоң да жинди болуп кетип баратам, бир ай жумушту токтотуп, жаныңда болсом гана эңсөөм басылбаса… - деп туруп келип кумарлана мойнунан жыттап, баласы экөөнү бирдей кучактап алып, өөп келинчегинин көздөрүнө тигилди, - Кайда баралы айтчы, уулум үчөөбүз бир жакшы эс алып келеличи.

- Өзүң бил, сен эмне десең мен ошомун, - Жылдызкан дагы ага жооп кыла жаагына жаагын тийгизе, өөп койду, - Сенин сөзүң мен үчүн закон!

- Алтышкам, жаным менин, жараткан өзү мага берген ырысым, аялзатынан өмүрүмдө сени сүйдүм, сен деп гана жашап өтүүгө сөз берем!

- Мен дагы сен деп жашап, сен деп өмүрдөн өтөм!

Бул бактылуу көз ирмемдер экөөнү бактыга бөлөп турду. Курманбек ушул учурда: "Күйөөсүнүн өлгөнүн угуп, жаман абалда турат, көңүлүн көтөрүшүм керек. Муну мен өзүм азгырып, бузуп алгамын, ошондуктан унутууга көмөк беришим керек", - деген ойдо эртеси эле экөө Турцияга учуп кетишти. Кооз, эзели көрбөгөн бөтөн шаарда көңүлү эргип, Курманбектин ак сүйүүсүнө татып, өмүр бою анын жакасын кирдетпей, көңүлүн оорутпай жанында болуп, сүйүүсүнө сүйүү менен жооп берүүнү ойлогон менен Бегиштин армандуу өлүмүн эстегенде, Жылдыздын жүрөгү сыздап кетет. Канткен менен жакшы сөз, жылуу мамиле адам баласынын гүл көңүлүн ого бетер ачып коеору чындык го, бара-бара аны унутуп, уулу менен Курманбекти гана ойлоп, мээримдүү эне, сүйүктүү жар, дүйнөдөгү аялдардын асыл сапаттуу, деңиздей тереңдиги, көлдөй чалкыган пейли аны чыдамкайлыкка жеткирди: "Өз убалы өзүнө, урушуп да көрдүм, ичкенин койбоду", - деп өзүнүн үстүндөгү оор жүктү алып салып, жаңыча жашоого бел байлады. Бир ай бою жер көрүп, бассейндерге барып, кино театрларына кирип, эстен кеткис күндөрдү өткөрүп, кайра келди. Келсе үйүн кайтарган чал:

- Уулум, сени издеп, бир келин кайра-кайра келип жатат, ээрчиткен төрт-беш жашар баласы бар, - деди алдынан чыгып.

Жылдызкан уулун жетелей кирип баратып, далдоого токтой калды.

- Эмне дейт, ким деген экен?

- Аты Элмира экен, баланы сеники деди го? - деди Улукбек чал шыбырай.

- Коюңузчу, ошенттиби? - Курманбек аны тигиле карап, ойлуу көпкө туруп калды, - Кайда кетти, келем дедиби? - деди анан кайра сурап.

- Анысын билбейм, силердин качан келээриңерди сураганынан билбегенимди айтсам кеткен.

- Макул, - деп үйгө кирди: "Кызык, боюнда бар экенин билген эмес элем го?" - деген ойдо креслосуна отуруп, жаагын таяна үнсүз телевизордун пультун колуна алды. Жылдызкан унчуккан жок, узак жолдо чарчаган уулун уктатып чыкты да, ашканага кирип тамак жасап, чай койду. Экөө тең унчукпай отуруп, тамактанышты да.

- Узак жолдо чарчадың, эс алып ал, мен жуунуп алайын, - деп күйөөсүн өөп коюп, ваннасына кирип кетти…

Элмира Курманбекке өчөшүп, Ратбекке бир-эки жолугуп, сүйлөшүп эле тийип кеткен, ошондо анын боюнда үй айлык түйүлдүк бар экен, баргандан кийин билинип, күйөөсү:

- Мейли, балада эмне күнөө, экөөбүз ынтымактуу болсок болду да, - деп койгон.

Айы күнү жетип, уул төрөп алды. Ратбек ага анча кубанбады. Негедир аны көргүсү келбей, жээрип туруп алды. Баласынан корунуп, Элмира андан кетип калууну ойлосо да кайра-кайра күйөөдөн чыккандан уялып, аргасыз чыдап отуруп калды, колундагы баласы алты ай болгондо эле, кайрадан боюна болуп, Ратбек кичине имерилип, талпынып калган Жоомартты колуна ала койчу болду: "Төрөп алсам, эптеп көнүп калаар", - деп Элмира ал ансайын ичинен кубанып калат. Уул болду анысы дагы, балалуу болгонуна кубанып, кызуу келген Ратбек баланы эркелетип алдына алып:

- Элмира, Жоомарт ак жолтой болду ээ. Ини ээрчитип келип, атасын кубантып отурат, - деп чечекейи чеч боло сүйлөп жатты.

- Ратбек, эгерде бөлбөсөң ал деле сенин балаң, менин боюмда бар экенин ал билбейт, мен үчүн, уулубуз үчүн Жоомартты жээрибечи ээ? - деп Элмира ички күптүсүн айтып алды, ушул ирээт, чын дили менен суранып турду.

- Эч качан жээрибейм, сен төрөп берип турсаң эле болду, мен аялымдан төрөбөгөнү үчүн эле ажырашкам Элмира, мен как баш болбой ата болсом болду, - деп аялын эркелете өөп, ыраазы боло али көзүн ача элек наристесин колуна алып, шуу эттире жыттап алды, - Кудайга шүгүр, мен да баланын үнүн угуп, жыпар жытын жыттадым ээ?

- Уулубуздун өмүрү узун болсун, "туулганына эмес тураарына кубан" деген, аман болушсун, - Элмира дагы ушул бактысына ыраазы боло карап турду, бышылдап эмчек эмип жаткан уулуна эзиле. Убакыт өтүп, эки уулу катар чоңоюп Ратбек Жоомартты бөлүп, Өмүрбекти жакшы көргөнү дароо эле билине баштады. Эне эмеспи, Элмиранын жүрөгү жүз жеринен тилинип, ал жокто ыйлап жатты. Бир күнү жумуштан келгенде, машинасы токтогондо Жоомарт менен Өмүрбек жүгүрүп жетип барышса, ал Өмүрбекти көтөрө калып өөп, колуна шоколад карматып, машинасына отургузуп, Жоомартты карап да койбоду. Бала эмеспи, Жоомарт томсоро колун оозуна сала жалдырай карап туруп калды эле:

- Бар апаңа! - деп койду Ратбек.

Ошондо гана Жоомарт үйдү көздөй кайра чуркап кетти. Элмира көрүп турган уулун көкүрөгүнө кыса, көзүнөн жаш тегеренип алды: "Курган жаным ай, сени томсортуп ушуга туш кылган мен куруюн, бул сага жакшылык кылбайт экен", - деп көз жашын аарчый чай коюп жатканда, Ратбек кирди.

- Чарчадым, бирдемең барбы?

- Азыр чай кайнасын, - деп бери бурулганда көзүнүн сууланып калганын көрүп:

- Ыйлагансыңбы? - деди.

- Жок, эмнеге ыйламак элем?

- Ушу балаң үчүн ыйлап жатасың, кетирчи ушу баланы, бара-бара көргүм келбей баратат, бул болбосо жакшы эле жашамакпыз, - деп күңкүлдөдү.

- Каякка кетирем Ратбек, мен энемин, бир баламдан бирин ашык-кем көрбөйм!

- Анда жүрө бер, мен баары бир балаңды жакшы көрбөйм! - деп чайын ичпей чыгып кетип баратып, - Атаңдын үйүнө алпарып бер, баласынын баласын кантип бакпасын! - деди да чыгып кетти.

Элмира уулун кучактаган бойдон ыйлап жатты:

- Неге күйөөгө тийдим, акыры келет эле го, баламдын минтип кор болоорун билгенде… - деп буркурап ыйлап жатканда Ратбек:

- Ушу балаң деп баламды карабайсың го? - деди ачуусу келе, - Жиниме тийсе, азыр өлтүрүп коем! - деп Жоомартты Элмиранын колунан жулуп алып, эшикти көздөй түртүп ийгенде, бакырып ийди:

- Тийбе, балам үчүн азыр мени өлтүрсөң да кайылмын, ушу бала үчүн отурам сенин босогоңдо, экөөнү бирдей көр, болбосо баламды алам да кетем! - Элмира жетип уулун кучактай калды.

Жоомарт көздөрүн жалдырата:

- Ата, ата мени уйбачы! - деп Элмиранын колунан жулунуп чыгып, Ратбектин бутунан кучактап калды, - Ато-ов, атаке-е, мени уйбачы, мен сизди жакшы көйөм го?! - деп жатканда Элмира ого бетер буркурап, тизелеген бойдон отура берди.

Ратбек Жоомартты карап койбой, бутун силке эшикке чыгып кетти. Өмүрбек Жоомартты карап:

- Жоомайт сага эмине болду, ыйлабачы сен, - деп көз жашын аарчып, жанына отуруп алды, - Сен менин акемсиң, мен дагы ыйлайм, ыйлабайсың ээ? - Эмшиңдеп киргенде, Элмира экөөнү кучагына кысып алып, сүлкүлдөй ыйлап жатты.

- Каралдыларым менин, экөөң бир туугансыңар садагам, ал сенин агаң.

- Ийи да менин агам болот, Жоомай ыйласа мен дагы ыйлайм, анда ойнобойм, - Өмүрбек улам эңкейип, Жоомартты карап, аны сооротуп жатты.

Элмира кирип-чыгып жүрөгүн мыкчып, ооруткан санаадан арыла албай, күйөөсүнө ичи муздап, эптеп балдарын карап, кирин жууп, кирпигин тарап, күн өткөрүп жатты. Ратбек өз оюнан кайтпады. Аргасы кеткен Элмира ата-энесине барып, Жоомартты ээрчитип ыйлап:

- Апа, Жоомартты Ратбек жакшы көрбөйт, өгөйлөп туруп алды, эмне кылаарымды билбейм, силерге таштайын, эптеп чоңойтуп бергиле, - деди.

- Алда балам ай, мен го мен, келиндер жаман көрүп койсо, мен суук көрүнөм го, карып калганда келиндин чайын тынч ичсем болот эле, - апасы Гүлүша кейий Жоомартты алдына алып отуруп, башынан сылай өөп койду, - Ушуну мурун ойлосоң болмок, өз атасындай болмок беле?

- Акылымдан адаштым апа, эми эмне кылам, Ратбек муну жеп ийгиси келип турат, кийинки күндөрү ачык эле жогот деп жатпайбы?

- Кой балам, кыйнала бербе, эптеп калкалаармын, ичиңде да турат, көп кейибе, таштап кет, пешенесине жазганын көрөөр…

- Мен кетейин, Ратбек үйдө, "ушу балаңды жогот" дегенинен баса бергем, - деп бир түнөгөндөн кийин үйүнө кетти.

Элмиранын жеңеси Турсункан Жоомартты таштап кеткенин көрүп эле, кайненесине:

- Апа, Жоомартты биротоло таштап кеттиби? - деп сурады.

- Ооба балам, балдар менен жүрө берсин, бөлөксүп күйөөсү аны жээрип жаткан тура.

- Баланын энеси менен эле болгону жакшы эмеспи, ата эмне эрте кетип кеч келет, бир баланы батыра албагандан кийин эмнеге жашап жүрөт? - Турсункан кыйгачтай сүйлөп, жактырбаганын ачык эле билдирип койду.

Кантсе да эне эмеспи, Гүлүша кызын коргоп, бирдеме демек болгон менен оозун таптап барып, кайра унчукпай калды: "Айтканда, айтпаганда эмне, бирөөнүн баласын бирөө сүймөк беле, мен турам, тил тийгизбейм", - деп тим болду.

Жоомарттын анык азаптуу күндөрү эми башталды. Кичине үйү чачылып же булганып калса, Турсункан өз балдарынан көрбөй аны колго, бутка чаап урушуп кирет.

- Тегеле ээн баштыгы жанда жок экен, ушу кантип батсын анан, бала деген баладай эле болбойбу?

- Балам, ушу төрт жашар бала эмнени билет, урушпай эле койчу, - Гүлүша ага аста гана айтты.

- Төгүп-чачып, сындырып-бүлдүрүп турат экен, келгенден бери төрт чыны сындырды, деги бирдеке түтөбү буга? - Турсункан булкулдап жатканда, эшиктен кайнатасы Адылбек кирип келди эле, ал чыгып кетти.

- Эмне болду кемпир, келинге сүйлөдүң беле?

- Жо-ок, Жоомартты тилдеп жатат, ээн баш экен деп эле…

- Кудай ургур десе, бу бала деп уул-келинибизге да жаман көрүнөт экенбиз да, - Адылбек Жоомарттын таенесинин колтугунда бөжөйүп, маңыроо карап отурган наристеге боору ооруп кетти: - "Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала", - деген ушул, атасына алпарып эле берип койсо болбойт беле, карыганда мунун айынан биз эле жаман көрүнөбүз да, - Кейий кемпиринин жанына отура кетти.

- Атасына барганда эле жыргап кетмек беле, өгөй эне бар аякта, шору көп экен го мунун, - Гүлүша кейип-кепчип наалып жатты.

Канткен менен келинине баланы коргоп, эчтеке деп айта алышкан жок. Уулу да бир күнү:

- Күйөөсүнө батпаса, өз атасына алпарып бербейби, - деп аялынын сөзүн сүйлөдү.

- Балам, эми бир бала экен, силер өз бир тууганы эмессиңерби, Элмираны ыйлатпагыла, - деди Адылбек Куттубекти карап, - Келинге айт, биздин кадырыбыз үчүн да ушуну жээрибей турсун.

- Ата, кызык экенсиз, "жээн киргиче жети бөрү кирсин" дешет го, сиз деле корголой бербей Курманбекти чакыртып кошуп бериңиз, эжелерине деле баласы бар экенин айтып койсоңор болмок! - деп Куттукбек атасынын сөзүн жактыра бербей чыгып кеткенде, Адылбек башын чайкап, отуруп калды.

- Экөөбүз батырабыз, булар жактырбайт экен да чал, мейли аман эле болсунчу, - Гүлүша чалын карап койду, - Кызым байкуш баласы үчүн тең бөлүнүп, ичи түтөп жатат го, эмне кылайын эми? - Кемпир-чал үшкүрүнө отуруп калды.

Элмира дагы уул төрөп, Гүлүша Жоомартты ээрчитип барып калды. Анын уулун баса калып эркелетип, колуна конфет карматып, берээрге эчтеке таппай далбастаганын көргөн эненин да жүрөгү ооруп кызын аяп: "Куураган кызым ай, ушу балаң үчүн эзилип жүрүп өтөсүң го?", - деп ичтен сызып отурду. Кетээрде баштыкка мөмө-чөмө, конфет салып берип, бетинен сүйүп узатып турганда Гүлүша:

- Кызым, кичине тыңыгандан кийин балаңды таштап коюп, шаарга барып, Жоомартты өз атасына тапшырып келбесең болбойт, бизден бийлик кеткен, Куту менен Турсункандын колун карап отурган атаң экөөбүз баланы калкалай албай калдык, - деди.

- Апа, ал деле үйлөнүптүр, аялы жакшы көрөт беле? - Элмира айласы кете апасына карады.

- Атасы да, кызым, жок дегенде аталык милдетин аткарат, эмгиче күбөлүгү жок балаңдын, окуганда кантет?

- Ойлонуп көрөйүн апа, ушу баламды силер да батыра албадыңар! - Элмира ыйлаган бойдон үйүнө кирип кеткенде Өмүрбек:

- Тайне, Жоомайтты каякка алып кетесиз, мени менен ойнойт болчу да? - деп Жоомартты колунан тарта, - Жүйү, экөөбүш ойнойбуш, мен сени сагынып калбадымбы, эмне келбей койдуң? - деп жетелегенде Гүлүша аны жубата сүйлөдү:

- Жоомарт кайра келет садага, сен бөбөгүңдү кара, ыйлап калбасын, бара гой.

- Анан келеби кайта, мен бөбөгүмдү каяйынбы? - Өмүрбек жүгүрүп кирди.

Гүлүша Жоомартты жетелеп, аялдаманы карай бүкчүңдөп жөнөдү. Жоомарт бала болсо да, жаман көргөндү сезип, ашыкча кыймыл жасаганды коюп, таенесинин жанынан чыкпай корголоп отура берчү болду. Тамак ичкенге келгенде да, жеңесин жал-жал карап, тарткынчыктап турат. Элмиранын төрөгөн баласы беш ай болуп калганда, тобокел кылып, ооруп жатам деп шылтоолоп атасыныкына жөнөдү, эки баласын тең алып алды. Эки, үч сааттык жолго акча алып, балдарын таштады да, шаарга жөнөдү. Келип таппай калды. Балдары менен күйөөсүнөн чоочулап, аргасыз кайра кетип калды.

Курманбек ойлуу: "Боюна кеткен экен да, демек менин балам бар экен, эмнеге алып келди экен, күйөөсү батырбай жаткан го", - деп санаасы санга бөлүнүп, уктап жаткандай түр көрсөткөн менен уктай албай жата берди. Эртеси эжелерине жетип барды.

- Эже, Элмиранын боюнда кеткени чынбы?

- Билбейм, - Айтолкун инисин таңгала карады, - Ким айтты?

- Элмира төрт-беш жашар баланы ээрчитип келип, айтып кетиптир.

- Сураштырып көрөйүнчү, - Ал чынында эле билбегенин айтты.

Курманбек шашып кетип баратып: "Чындыгын билиңизчи, эгер чын эле менин балам бар болсо, өз колума алам", - деди да жүрүп кетти. Бул учурда Элмиранын артынан келип, аны таппай калган Ратбек аялына өчөшүп: "Сени шашпа, ушул балаңды жоготуп тынбасамбы" - деп үйүнө келгенден кийин Элмирага унчукпады.

- Эртең шаарга барам.

- Эмнеге? - Элмира күйөөсүнө суроолуу карады.

Ратбек шаарга бараарын айтканда тааныш эки-үч бала аны ала кет деп жаткан. Эрте чыкты да аларды салып алып:

- Мен силерди бир жакка жумшайм, эгер тилимди алсаңар бекер алып кетем, - деди.

- Кайда? - Тигилер жарыша сурады.

- Тээтигил үйгө барып, "Жоомартты алып кел деп Курманбек жөнөттү эле" десеңер, төрт жашар баланы кошуп берет, - деди.

- Анан?

- Андан аркысын мага койгула!

- Макул, биз шаштык.

Тигилер машинадан түшүп жөнөгөндө, Ратбек кайра токтотту да:

- Кое тургула, - деп блокнотунан барак айрып алып, жаза баштады, - Мына бул катты берсеңер болду, иш бүтөт, мен тигил дүкөндүн далдоосунда турам, - деди да машинасын жылдырды. Алар барып, Турсунканга жолукту. Гүлүша үйдө жаткан, Адылбек менен Куттубек жок болчу. Катты окуган келин кайненесине айтпай, Жоомартты аларга кошуп берип койду.

- Сени атаң ала кел дептир, булар менен баргын, макулбу?

- Ооба, - жал-жал караган бечара бала, алардын жетегинде артын кылчак-кылчак карап кетип жатты.

Наристенин жүрөгү бир нерсени сезгендей, артка кетээнчиктеген менен Турсункандан коркконунан кетип баратты. Машинага түшкөндө Ратбекти көрүп:

- Ата, апама алпарасыңбы? - деп сүйүнүп кетти.

- Ооба.

Ал бурк эте жооп берди да, машинаны ордунан жылдырды: "Энең сени тапканын көрөм, сени көрүп турса, мага да көңүл бурбайт, эми ашыкча жүк жок тынч жашайм", - деп кетип баратып ойлоп жатты. Шаарга келип, тигилер түшүп калгандан кийин Жоомартты колуна балмуздак карматып, алаксытып туруп басып кетти. Беш жашар наристе эки жагын карап, атасын таппай ыйлап кирди, ары-бери өткөндөр аны: "Адашып калган го", - дешип өтө берди. Кеч болуп калган, күндө ичип алып, кайыр сурап жүрчү бир келин кызуу болсо да, жүрөгү оорудубу, ага эңкейип:

- Кимдин баласысың? - деп сурады.

- Ратбектин… - Соолуктап жооп берди.

- Каякта атаң, адашып калдыңбы, атың ким?

- Ооба, атым Жоомарт.

- Жүрү мени менен, атаңды табабыз, - деп колдон алды эле унчукпай ээрчип жөнөдү.

Тагдыр ушинтип аны үйсүз, жайсыз ичип жүргөн келинге туш кылды. Акбермет эки-үч жылдан бери ичип, көрүнгөн менен ээрчишип талаада түнөп, адам кейпинен чыга баштаган. Жоомартты өзү түнөп жүрчү трубанын астындагы түнөгүнө алып келип, көтөрүп жүргөн салат менен нанын жайып:

- Кел, курсагың ачтыбы? - деди мээрим чача.

- Ооба.

- Экөөбүз азыр курсак тойгузабыз, - деп нанды сындырып, желим бөтөлкөдөгү суудан өзү куюп ичип, ага да куюп берди.

Бала эмеспи, нан жеп, суудан ичип алып, коробканын үстүнө жатып, уктап калды. Ошентип эки бакыр, бир тукур болуп, эртеси базарга барып: "Мага бул баланы кудай өзү берди, эптеп акча сурайын, балага көп беришээр", - деген ойдо Жоомартты алдына алып отуруп алды. Ырас эле бөйтөйгөн баланы карап коюп, өткөн кеткендер боору ооруп, улам коробкасы толуп калып жатты. Кечке отуруп акчаны санап көрсө, ошол күнү үч жүздөн ашыптыр. Күндө өзү сураганда жүз сомго чейин зорго тапчу: "Жаш туруп ичет", - дешип мурдун чүйрүп, кээси жаман көрүп, өтүп кетишчү. Кубанганынан баланы жетелеп алып, тамак-аш алып, түнөгүнө келди. Жоомарттын карды ачкан жок эле, кээси акчалай таштап, кайра ага булочка, самсы, конфет берип кетип жатышкан. Кечинде суудан ичип алып, жатып калды. Ошентип Акбермет Жоомартка жолукканы ичпей, акча топтой баштады. Анын түнөгүн билген Мурат ага келип, жанында жаткан баланы көрүп:

- Бул ким? - деди түндөсү.

- Балам, күйөөмдө калган болчу, алып келип алдым.

- Ой кызыксың го, жайы-кышы ачка-ток талаада түнөп жүрүп, балаңды өлтүрүп аласың го, эмне кыласың аны?

- Мейли, жанымда жүрсө болду, - Акбермет ага калп айтып жатты, - Мен эми ичпейм, балам үчүн жашайм!

- Өзүң бил.

Мурат келинди түнү бою уйпалап, анан кетип калды, бала неме эч нерсени билбей уктай берди…

Гүлүша ордунан туруп, эшикке чыгып, Жоомартты издеп көзүнө чалдыкпаганынан Турсункандан сурады.

- Жоомарт кайда жүрөт, балам?

- Аны атасы киши жиберип, алдырып кетти.

- Эмне дейт, кимди жибериптир?

- Мына кат жазып бериптир, анан бербей коймок белем?

- Капырай, мага айтып койбойт белең?

- Айтканда эмне, атасы экени жалган беле?

- Кудай сактай көр, келген неме кандай адам экен, көрүп билип берсең болмок, өзү келбесе эмнеге берип ийдиң, ботом? - Гүлүша келинине нааразы боло, ары-бери басып, жүрөгү түпөйүлдөнө өзүнчө сүйлөнүп жатты, - Ушундай да боору таш болот экен да, жөн эле балдарды уурдагандар болсо канттик кокуй, Элмира укса эмне дейт?

- Эмне эле сүйлөнүп калдыңыз, өз атасына кетти, башка жакка кеткен жок! - Турсункан кайненесине жини келе тултуңдап, үйүнө кирди, - Мени жөн эле душманындай көрөт, ошону мен сатып же өлтүрүп салгансып.

- Кой балам, анчалыкка барба, сени душман көрбөйм, баланы жоготуп албайлы дегеним да? - Гүлүша шуу үшкүрүнүп отуруп калды.

Адылбек менен Куттукбек келгенде да Жоомарттын жомогу көпкө айтылып, бир сыйра өздөрүнчө айтышып барып, анан тим болушту: "Эмнеси болсо да өз атасына барса болуптур, бул үйдө ага орун жок эмеспи, Элмирага түшүндүрүп коебуз", - деген Гүлүша гана бүдөмүк ойдо отурду.

Арадан эки жыл өтүп кетти, Акбермет Жоомарт менен эптеп акча таап, өзүн оңдоп, батир жалдап жашап калды. Күнүнө өзүн отургузуп коюп, карап турат, Жоомарт жетиге чыгып, чакылдап тың болуп баратты, ата-энесин унутуп Акберметти апа деп, тапканын былкылдатпай берет, ал аны өз баласындай көрүп, жанынан чыгаргысы келбей, ага көнүп да калды: "Багыма жолугуп, минтип адам болдум, өзүм төрөбөсөм да, өз баламдай тарбия берейин, чоңойгондо муну кайырчы кылбай, акча чогултуп, базарга чыгайын", - деп уулуна чаң жугузбай, жууп, таза кийгизип, тамактын алдын берип, бөпөлөп турат. Улам чоңойгон сайын Жоомарт Ратбекти анча элестете албаса да, таштап кеткенин элес-булас эстеп алып, ага кекенип алат. Күн жаап, бир жумадай көз ачырбай туруп алды, ошол күнү саал сээлдеп, жел жүрүп булутту айдап, аба суук болуп турса да, Жоомарт көнүмүш адатынча коробканы коюп, чөгөлөй курткасын кымтылана отурган. Ары-бери өткөн эл ага бирин-серин салып коюп, өтүп жатты. Курманбек өтүп баратып, өңү жылуу учураган баланын жанына байыр ала түштү. Жоомарт ага абдан окшош болчу.

- Чоң жигит, ата-энең барбы? - деди эңкейип.

- Жок, апам бар.

- Аа-а, апаң кайда иштейт?

- Иштебейт, - Жоомарт жер карап жооп берди.

- Кайда жашайсыңар?

- Батирде.

- Ии-ии, - деп коюп жыйырма сомду коробкага салып койду да басып кетти.

***

Айтолкун убакыт таап, Адылбектикине баралбай жүрө берди. Курманбек да кайталап сураган жок. Ошол бойдон Жоомарттын жоголгонун эч кимиси сезбей жүрүп, бир күнү Элмира кичүү уулу эки жарым жашка чыгып калганда, кайнежесинин үйүнө барды:

- Кел Элмира, кел! - Айтолкун көрүп эле, жакшы кабыл алды.

- Келдим эже.

- Кир үйгө, жай отуруп сүйлөшөлү, - Айтолкун аны үйүнө киргизип, дасторкон жайгыча Элмира чыдамы кете: "Балам жөнүндө жакшы сөз уксам экен, эмдигиче окугандыр, быйыл окумак", - деп отурду.

- Эже, Жоомартты сурайын дедим эле, ал быйыл окугандыр?

- Жоомарт ким, менин кичинекейим алда качан окуган да, - Айтолкун өзүнүн балдарынын атын адашып айтып алдыбы дегендей таңгала карады.

- Жоомартчы, Курманбек алып кеткен балабыз…

- Эмне дейсиң, Курманбек кимди алып кетти эле? - Айтолкун түшүнбөй, кайра сурады.

Элмира баарын түшүндүрө айтып болгондо, Айтолкун аны карап:

- Элмира, Курманбектин үйүнө барып-келип эле жатабыз, бир ооз айтмак, эгер аны алып кетмек болсо, киши жибербей эле өзү келмек, - деди.

- Эже, эжекебай, баламды кимдер алып кетти анан, эки жыл болбодубу, ой кудай ай эми эмне кылам?! - деген Элмира отурган жеринде өзүн жоготуп койду.

Айтолкун коркуп кетип, бетине суу чачып, колдорун ушалап, жаакка чапкылап жатканда Урмат келип, көрө койду да, коңшусу врач болуп иштеген Келдибекке жүгүрүп барып, ээрчитип келди. Ал көрүп укол сайып:

- Жүрөгү начар экен, тынч койгула, суу чачып кайра чоочутпай карап тургула, эс алып калат, - деди.

- Иши кылып жакшы элеби, коркуп кеттим, - Айтолкун кабатырлана сурады.

- Эчтеке болбойт, жүрөгү начар турбайбы, аста мамиле кылыш керек.

- Атайын келип, биздин үйдөн ооруп калса, төркүндөрү, күйөөсү эмне дейт, аман-эсен жөнөтөлү, - дешип карап отурушту.

Көптөн кийин эсине келген Элмира эки жагын карана:

- Мага эмне болду? - деди Айтолкунду карай, - Жоомартым кантти эжекебай, ушундан көрө өлүп калсамчы?

- Кой кейибечи, табылат балаң, мен эртең эле Курманбекке барып, баарын айтам.

- Мен дагы кошо барайын, бир дайынын билбей кантип чыдайм эже, мен Курманбек алып кетти дегенинен көөнүм ток жүрбөдүмбү? - деп өйдө болуп, кетмек болду.

- Бир аз эс алчы, жеткирип коебуз.

- Кой, азыр атамдарга барам.

- Анда аерге чогуу баралы, - Урмат машинасын айдап, Адылбектикине барышты.

Аерден Жоомартты алып кеткендер Курманбекке алып барбаганын билгенде, алар да үрпөйүп, Турсунканды карашты.

- Кана баягы жазган каты? - Куттубек аялын караганда ал:

- Ал кайда калганын билбейм, мындайын билсем бекитип койбойт белем, - деп күнөөлүүдөй күңк этти.

Түндөп шаарга жөнөп, Курманбекти таппай калышты. Жылдызкан аларды жылуу кабыл алып, астыларына чай, тамагын жайнатып, иштин чоо жайын уккан соң, ал дагы кабатыр болуп:

- Курманбек алып келсе, үйдө болбойт беле, ошондон бери бир ооз сурасаңар болмок экен, - деди Элмирага боор ооруй карап.

- Атасы алып кеткенден кийин тынчын албайын дебедимби? - Элмира ыйлап отуруп сүйлөдү, - Кайдан билдим мындай болоорун.

- Коркпой эле кой, аман эле болсо табылат, - Урмат ушинткен менен оюнда: "Аны билген бирөө алып кеткен экен, эми табылышы кыйын го", - деп ичинен ойлоп алды.

Алар түнү менен кобурашып Жоомартты кайдан, кантип издөөнүн амалын ойлонуп отура беришти. Жылдызкандын баласы бул кезде үчтөн өтүп, тили ширин болуп турган кези. Эртеси түш ченде Курманбек келип калды, Рамис машина токтогондо эле жүгүрүп чыкты:

- Ата-а, атам келди!

- Ой садага кетейин десе, уулум мени аябай сагынган го? - Көтөрүп ала коюп, өпкүлөп кирип келе жатып, кайнатасы баш болгон бир топ адамдарды көрүп, салам айта учурашты.

- Атсалоому алейкум, келип калыпсыздар?

- Келдик, жумуш чыгып калды, - Адылбек Элмираны бир карап алды да, - Курманбек, уккандырсың балаң бар экенин? - деди.

- Ийи-ийи, уккан элем…

- Ошол эки жыл мурун, - Адылбек аны ойлуу карап алып болгонун болгондой айтып бергенде:

- Мен ала турган болсом өзүм эле барбайынбы, эмнеге бирөөнү жөнөтмөк элем? - деди.

Ары кетип, бери кетип жатып, Жоомарттын жоголгон кезиндеги сүрөтүн газетага бермек болуп токтошту. Элмира ыйлап-сыктап үйүнө келди да, Ратбекке болгонун айтса, ал:

- Жүргөндүр да, эмне болмок эле, дагы бирөө багып алган чыгаар, - деп кайдыгер күңкүлдөп койду.

- Сенин айыңдан баламды жоготтум, адамдай жүрөгүң болсо, ошо тырмактай баланы өгөйлөбөйт элең, мен эми сени менен жашай албайм, кетем, балдарыңды алып кал! - деди Элмира ага жиндене.

- Эмне-е, кетем дейсиңби? - Ратбек аны ормое карап туруп калды.

- Кетпегенде сага канчага чейин чыдайм, баламдан ажыратып отурганың азбы?

- Ошол балаң үчүн буларды кечип таштайсыңбы?

- Кечпейм, сенден кетээрим анык! - деп кийимин алып, булкуна Жоомарттын сүрөтүн издеп таап алды. Ал чогуу түшкөн сүрөтү болчу. Өмүрбек бир жашка толгондо түшүшкөн.

- Элмира, жөн болуп кал азыр, балдарды ызылдатпай кетем дегенде кетип калгыдай эми секелек кыз белең? - Ратбек аны колдон алып, төрдөгү диванга түртүп, кийим салынган баштыгын ары бекитип койду, - Кетем десең өзүм жеткирип, ата-энеңдин колуна салып берем, кийин балам деп басып келе турган болсоң жыга чабам!

- Чапсаң азыр эле чап, балам үчүн өзүм да өлгөнү турам, эриме кадырым жогунан баламды калкалай албадым, жашап эмне кылам?.

Экөө көпкө чейин айтышып жатып, эки жерге отуруп калганда, Куттубек келип калды.

- Жоомарттын сүрөтүн таптыңбы?

- Ооба, өзүм алып барам.

- Сен барбай эле кой, бир дайыны болсо барасың.

Куттубек сүрөттү алып, тез эле жөнөп кетти. Көп узабай гезиттердин баарына сүрөт менен басылып этегине: "Көргөн-билгендер болсо, ушул дарекке кабарлап койгула, сүйүнчүсү бар", Курманбек үйүнүн, офисинин телефонун жазып койгон, ал гезиттер чыккан сайын кайталанып жатты. Анткени акысын төлөп, табылгыча баса бергиле деген эле. Бул жарнаманы окугандардын ичинде Ратбек менен барып, Жоомартты алып чыккандар дагы бар эле, алар ошол эле айылдын үй-бүлөлүү адамдары азыр.

- Советбек, карасаң, баягы биз алып чыккан балага окшош экен, - деди газетаны көтөрүп келген Улан.

- Кайсы? - Советбек аны таптакыр эле унутуп калган, түшүнбөй карады.

- Баягычы, Ратбек аке алып чыгып бергиле дебеди беле?

- Аа-а, окшош болсо болот да? - деп кайдыгер болуп койду.

- Кызыксың, эгер биздин калп айтып алып кеткенибизди билсе, экөөбүз камалабыз да?

- Эмне? - Советбек делдейе карап түшүнбөгөндөй сурады, - Эмнеге камамак эле?

- Эки жылдан бери жоголгонун жазып жатпайбы?

- Анда эмне кылабыз?

- Билбейм, - Экөө бири-бирин карап, ойлонуп калышты.

Жоомарт текилдеп күндө баягы ордунда суранып дале отурат. Акбермет кийбегенди кийип, жашоосу оңолуп, төркүндөрүнө каттай баштаган эле. Күйөөсү өлгөндөн кийин шаарга барып, соода кылам деп, өзүнөн-өзү ичип кеткенге эч кимиси карабай койгон. Айтургандын күйөөсү, Кылычтын атасынын бир тууган инисинин кызы, Кылычтар менен жамандык-жакшылыкта эле кошулбаса, көп катышышчу эмес. Гезитти окумак турсун, Акбермет акча короткусу келчү эмес. Бир күнү батирдеги келин менен сүйлөшүп отурмак болуп, бөлмөсүнө баш бакса, ал газета окуп жатыптыр. Акбермет кармалап көрүп отуруп, Жоомарттын сүрөтүн көрүп, жүрөгү шуу дей түштү. Окуп көрүп аты жөнүн билгенден кийин сары санаа болуп калды: "Кой мындан кийин чыгарбай эле коеюн, бирөө жарым айтып койсо, алып кетип калат", - деген ойдо шаша үйдөн чыгып, баласына жетти да:

- Болду уулум, кечке ысыкта чарчадың, жүрү кеттик, - деп ээрчитип алып кетти.

- Апа, кечке чейин отурбайынбы, чогултуп үй алып алсак, батирде турбайт элек ээ апа? - деп текилдеп жетегинде келаткан балага ичи элжирей карады.

- Тилегиңден кагылайын десе, мындан ары чыкпай эле койчу, мен базарга чыгайын, сени эптеп мектепке окутуп алсам, - деди ушул баланы туш кылган кудайга ичинен миң мертебе ыраазы болуп.

Ал түнү менен ойлонуп, эч бир чечимге келе албады: "Эмне кылсам, балким башка баладыр, бул эместир, бирок таап алганым жөнүндө бир ооз айтышым керектир, окуганда күбөлүгү жок окуталбай калам, же эптеп акча менен сүйлөшүп күбөлүк алып мектепке киргизип окута берсемби?" - деп бир оюу айтса: "Сага кудай өзү берип жатса, айтканың болбойт, андан көрө окутуп бага бер, ал сенин гана балаң" - деп түйшөлүп уктай албай чыкты. Ары ойлоп, бери ойлонуп жатып гезитти сатып алды дагы РОВДга барды, жүрөгү лакылдап сөзүнүн баш аягын таппай:

- Мен… мен эки жыл мурун бала таап алгамын… - деди акыры өзүн колго алып, - Балким бул эместир, бирок чындыкты айтайын деп келдим… - Газетаны бере салды, - Кичинекей бала экен, билбейм албы же башкабы?

- Кайдан таап алдыңыз эле?

- Көчөдөн, - Акбермет жаап жашырбай болгонун айтып берип отурду. Милиция аны көпкө карап отурду да, телефондун кулагын карады, - Ало, жарнама боюнча чалып жаттык эле…

- Жакшы-жакшы, кайдан чалып жатасыңар?

- Милициядан, бизге бир аял келди, газетадагы сүрөт канча жашында түшкөн эле, азыр канча жашта болуш керек?

- Беш жашында, жетиге чыкмак.

- Анда сиз келип бул аял менен жолугуп көрүңүзчү!

- Макул, кетирбей туруңуз, - Курманбек дарегин сурады эле айтып берип, трубканы коюп койду.

- Азыр келип калат, - Ал Акберметти карап койду, - отуруп күтүп туруңуз.

- Макул, - Акбермет унчукпай отуруп алып, ар кайсыны ойлонуп жатты.

Ушул эле убакта Улан менен Советбек айылындагы участковыйга барып, ич арадан кеңешип, анан телефон чалмак болуп жатышты. Телефонун бураган убакта Курманбек РИИБиге жөнөп кеткен. Жылдызкан телефон чыр эткенде ала койду эле:

- Ало-о, бала жоготкондор бекен?

- Ооба-ооба, табылдыбы?

- Жок, бирок так эмес далилдер чыгып жатат, келип кетесиздерби?

- Атасы үйдө жок эле, силер кайдан чалып жатасыңар?

- Чоң-Арыктан.

- Анда келсе жиберейин, дарегиңерди айтып койсоңор, - Жылдызкан ручка, кагаз алып жазып алды, - Рахмат, келээри менен жиберем, - деп трубканы койду.

Курманбек шашып, жетип келип босогосунан эле кайсы кабинетте экенин сурап, кирип барды. Акбермет газетаны кармап отурган.

- Ким, сизби бала таап алган?

- Ооба, - Акбермет тайсалдай жооп берди.

- Бала кайда?

- Үйдө.

- Жүрүңүз баланы көрөлү, анан жай сүйлөшөбүз, - деп аны ээрчите РИИБиден чыгып, жанына отургузуп алып, быты-чыты болгон батирлердин тушуна токтотту. Ээрчише кирип келип, Курманбек баягы өзү көргөн баланы тааный койду, унчукпай карап туруп калды.

- Уулум, сен сыртка чыга турчу, бу кишилер менен сүйлөшчү сөз бар, - Акбермет Жоомартты акырын айтканда, ал чыгып кетти.

- Кана сүйлөй бериңиз, бул баланы кайдан, кантип таап алгансыз? - Курманбек туруп-туруп эле сурап кирди.

Оюу чар жайыт болуп, көз алдынан акча сурап отурган баланы өткөрүп: "Көзүмө жылуу көрүнүп туруп алды эле, көрсө өзүмө окшош тура" - деп кыжаалат болуп жатып Акберметтин сүйлөгөнүн бирин укса, бирин укпай, - Азыр биз менен жүрүңүз баланы алып, биздин үйгө, - деди. Акбермет.

- Аке, мен бул баланы аз да болсо бактым, негедир жүрөгүмө жакын, кантип андан ажырайм? - деп ыйлап ийди.

- Жүрүңүз, аны үйгө барып сүйлөшөлү, али аныктай элекпиз да? - деди Курманбек токтоо.

Ал экөөнү салып алды да, үйүнө келди. Машина токтоору менен Жылдыз жүгүрүп чыга калып, Акбермет менен Жоомартты көрүп, айтайын деген сөзүн унутуп туруп калды.

- Кириңиздер… - Алдыга жол баштап келе жаткан, Курманбекти ары чакырып:

- Сени дагы бирөөлөр чакырышты эле, - деп акырын айтты.

- Кимдер?

- Милициядан.

- Ушулар болсо керек, - Курманбек аларды жайгаштырып, Жоомартты карай, - Уулум, сен бир нерсе биле аласыңбы? - деди.

- Эмнени? - Жоомарт кайра өзүнө суроо берди.

- Сен апаңдын өзүнүн баласы эмес экениңди билесиңби?

- Билбейм… - Жоомарт жер карап калды, - Эмнеге антип сурадыңыз? - Башын көтөрө, кайра сурады.

- Сен эстечи, беш жашар бала аз болсо да бир нерсени эсине тутуп калат чыгаар…

- Сиз мени эмнеге минтип жатасыз? - Жоомарт ыйламсырай карап туруп, анан Акберметти карады, - Сиз эмнеге мени биерге алып келдиңиз, кетебиз биерден! - Ордунан тура калды эле, Акбермет аны акырын тынчтандырып:

- Кетебиз уулум, бир аз кое тур, - деди.

Курманбек ага жакын келип, сүрөттү көрсөттү:

- Буларды тааныйсыңбы? - Жоомарт ар бир сүрөттү көз жүгүртүп карап туруп, элес-булас эсинде калгандарын эстеген менен эчтеке айткысы келбей, апасын карады.

- Жүрчү апа, кетеличи тезирээк.

- Көрчү балам, сүрөттөн бирөө жарымды таанысаң айта гой, тааныбасаң кетебиз, бизди эч ким кармабайт, - Акбермет баланы башынан сылап, чекесинен сүйдү.

Баланын тааный албаганын же тааныганын билбей Курманбек дел болуп турганда, Жылдызкан тамакка чакырды. Жоомарт тамак ичпей койду, анын көз алдына Ратбек элес-булас тартылып, аны жек көргөнүн жашыргысы келбей: "Жек көрөм ушу кишини, анын үйүнө барбайм, апам менен эле кетем", - деп ойлоп дулдуюп отура берди. Тамактангандан кийин Курманбек тынчсызданып:

- Жылдыз, түндөп айылга барыш керек, чогуу барасыңбы? - деди.

- Мен үйдө эле болоюн, сен алпарып билип кел.

- Мейли биз жөнөдүк анда, - Акберметке карады, - Жүргүлө эми, негизги ишти башташ керек, ата-энесине алып баралы, - деп аларды алып, Чоң-Арыкты көздөй зуулдата жөнөдү.

Адегенде эжесинин үйүнө түштү. Ал жерде Кылыч аялы экөө да бар эле, алар Курманбек менен келген келин менен баланы көрүп, үйгө киргизишти.

- Биз үйгө кирбей эле кайнатаныкына баралы.

- Макул, алар жата электе баралы, - дешип, эки машина менен Адылбектин үйүн көздөй жөнөп кетишти.

Эми жатмак болуп калышкан Куттубек ээрчишип келип токтогон машинаны көрүп, басып барды. Баары машинадан түшүп, жарыкка келгенде, Куттубек Жоомартты көрүп эле тааныды.

- Ой, Жоомарт го мына бул?

- Чын элеби? - Курманбек кубангандай сурады.

- Кантип тааныбайын, кичине чоңое түшкөнү болбосо өзү эле…

- Анда… - Курманбек не дээрин билбей калды, аңгыча үйгө кирип келди эле, Адылбек менен Гүлүша Жоомартты көрүп баса калышты.

- Кагылайыным десе, кайда жүрдүң, садага?! - Гүлүша ыйлап, кучактап өпкүлөп жатты.

Жоомарт таене, таятасын тааный ыйлап кирди. Ар убак таенесинин чапанынын этегине ороп алып отурганы эсине келе берчү.

Эртеси Элмираны чакырышты, ал келип баласын кучактап ыйлап жатты. Жоомарт апасын так эле тааныды. Алар чогуу үйдө отуруп сүйлөшүп жатканда, участковый Улан менен Советбекти ээрчитип келип калды. Алардын сөзүн угуп, баланы Ратбек атайын алдырып кетип, шаарга таштап келгени билингенден кийин аны үйүнөн таппай калышты. Ал Элмира кеткенде эле үйүнөн чыгып кеткен. Адылбек кой союп, коноктоп Акберметти, аны менен бирге келгендерди кетирбей калтырып койду.

- Уулум табылып жатса, кантип жөн турабыз, эл чакырып той кылам, кызымдын ырысы бар экен, көзүнүн жашы көл болуп ыйлаганын көрүп, биздин да санаабыз тынбай күнөөлүүдөй жүзүн карай албай калдык эле, - деп Куттубекке конок күткөнгө даярдык көр деп белги берди.

Коңшу-колоңун чакырып, коноктоп жатып калды. Жоомарт апасына акырын шыбырап:

- Атам келген жокпу? - деди.

- Аны эмне кыласың? - Элмира уулун өөп, күлүмсүрөй сурады.

- Ал мени таштап койгон да?

- Ошол курусун, балам, - Элмира өңү сумсая калды, - Сен ошолорду билесиңби?

- Унута баштаганмын да, ойлонуп атамды жаман көрүп, чоңойсом өлтүрөм деп жүргөм.

- Ок, өлтүрөм дегениңди токтот!

- Эмнеге, мен эми чоңойдум, билем баарын, мени ал жаман көрөт!

Эне бала сүйлөшүп жатканда, Акбермет ичинен кыжаалат болуп отурду: "Айтпай эле жүрө берсем болмок экен, чоңоюп калса баарын унутуп калмак, эки жылда унутпайт тура, жаш болсо да эс тутуму жакшы тура, мени карабай да калды, эми жалгыз каламбы, көнүп алды эле", - деп ойлуу карап улутунуп алды. Аны байкаган Гүлүша:

- Кызым, сага ыраазыбыз айланайын, жоготконубузду таап, кубанычыбыз койнубузга батпай калды, кудай жалгасын сендей жакшы аялга жолугуптур садагам, башка бирөө болсо, унчукпай койсо эмне кылат элек? - деп аны карады.

- Эне, мен деле айткым келбей аябай ойлондум, баккан бала өзүңө жакын болуп калат экен, азыркы абалымды кимге айтам, аргасыз отурам, айтпай койгонго дитим барбады, - Акбермет көзүнө жаш тегерене, жашын аарчып алды, - Мен сыяктуу эне баласын издеп жатса, кантип катып отурам?

- Эстүү жан экенсиң садага, сага да кудай берет.

- Айтканыңыз келсин, эне.

Алар ошентип отурганда, тамак бышып, колго суу куюлду. Акберметке баары ыраазы болуп жатышты. Улуу устуканды ага тартып, сыйлап ар кимиси алкап, арактан да куйду эле, ичпей койду. Жоомарт тамак ичилип бүткөндө, бирөө үйрөткөндөй:

- Апа, мен сизди жалгыз таштабайм, - деди эле Адылбек:

- Жоомарт, ушу бүгүн сага дагы бир жаңылыкты айтмакмын, - деп Курманбекти карады, - Сен эми эсиңе кирип калдың, чынында биздин күнөөбүз бар. өзүм алып барып эле берип койгондо, мындай болмок эмес, - үнү каргылдана өз күнөөсүн мойнуна ала баласын, кызын карады, - Сени атаң Курманбекке тапшырайын, сенин атаң ошол!

Курманбек Жоомарттын жанына келип:

- Таятаң туура айтат балам, мен мурунтан эч нерсе билбей калдым, болбосо алда качан алып кетмекмин, - деди жылмая башын ийкей, - Мен сенин атаң болом.

- Мен эчтеке билбейм, атам да апам да Акбермет, мен аны жалгыз таштабайм, ал мени кандай жакшы көрөөрүн силер билбейсиңер! - деп Жоомарт Акбермет жакка өтүп алды, - Бул жерге калбайм.

- Уулум, мен өзүм сага келип турам, быйыл окуйсуң да, мен сени таштабайм, барып турасың, - Акбермет үнү буула зорго сүйлөп, Жоомартты жоошута карады, - Сен эстүү баласың да, улуунун сөзүн ук, балам!

- Апа!

- Жок балам, мен жалгыз аялмын, сага ата-энең бергенди бере албайм, сен адам болушуң керек!

Жоомарт көзүн жашылданта туруп калды.

Курманбек ага карап:

- Уулум, кеттикпи? - деди жылмая.

- Биз макулбуз, - Акбермет Жоомартты кучактап отуруп жооп берди. - Уулум акыл-эстүү, ата-энесине кантип барбай коймок эле, ээ уулум? - Жоомартты башынан сылай, ууртунан өөп койду.

Калгандары аларды карап тим болушту.

- Ата, бата бериңиз, жолго чыгалы, - Курманбек Адылбекти карап уруксат сурады.

Чогуу дасторконго бата кылып сыртка чыгышты. Кете тургандар менен коштошуп, Элмира Жоомартты өпкүлөп ыйлап калды. Акбермет менен Жоомартты Курманбек өзүнүн машинасына отургузду да жүрүп кетти. Аларды үйүнө алып келип, дагы бир сыйра коноктоп, кийит-кече кийгизип, Акберметтин колуна он миң сом берип, Курманбек аны батирине жеткирип келди.

- Сага чоң рахмат карындашым, Жоомартка баргың келсе тартынбай барып тур, эч каршылыгым жок, эгер сенден башкага жолукса, кандай болот эле, биз ыраазыбыз кудайга. Аман бол, бөлөк бөтөн эмес кудача экенсиң. Кош жакшы тур! - деди Акберметти жеткирип, үйүнө түшүрүп жатып.

- Рахмат сиздерге дагы, мен акча алыш үчүн кайрылган жокмун, ата-эненин баласын жоготуп, азап тартып кыйналганын ойлоп баргам. Балким башка болуп калаар дегем, Жоомартка жолуккандан баштап, мен өзүмдүн эне экенимди, адам экенимди сезип, жашоого кайрадан келгендей болгом, жакшы барыңыз, - деди да басып кетти.

Ратбек үйүнө келбей өз күнөөсүнөн коркуп качып жүрдү. Элмирага участковый келип, арыз жазасыңбы дегенде:

- Жок, балам табылды кудайга шүгүр, эки балам турат, аны күнөөлөй албайм, - деп койгон.

- Кийин анан бизге сөз тийбегендей болсун, адамдар өзүбүз кыргызчылык кылып алып, кайра айнып кеткен учурлар болчу эле? - Элмираны күлө карады участковый.

- Ратбекти өзүм соттоп алам, - Элмира да күлүп койду, - Кокус табылбай, Ратбектин алып кеткени билингенде башка сөз болмок.

- Макул анда, - Участковый унчукпай кете берди.

Ошондон эки күндөн кийин түн ортосунда, бирөө эшикти такылдатканда Элмира чоочуп кетип:

- Бул ким? - деди уйкусурай.

- Мен, менмин, Элмира!

- Ратбек… - Эшикти ачып жиберип, артка кетенчиктей берди, - Сага эмне болду? - деп үрпөйө карады.

Ал сакал- муруту өсүп, көздөрү киртийип өңү азыңкы, күнөөлүү жер карап, төшөктүн этегине отура калды:

- Элмира, кечир мени, сен гана мени сактай аласың, мен акмак болдум, ит болдум, балаңды көрүп күйөөсүн эстей берет деп, сени кызганып айбандык кылдым, кечирип кой, балдарым үчүн сакта?!

- Эмне деп жатасың Ратбек, анын баары бүткөн, балам табылды болду, сени күнөөлөп, арыз бербегенден кийин эч ким эчтеке дебейт да!

- Чынбы алтыным, чын айтып жатасыңбы? - Ратбек ордунан ыргып туруп, Элмираны кучактап, өпкүлөп жатты, - Кечирдиңби мени, менин иттигимди, өзүм да билбейм, сени кызганып эле жинди болуп жүрбөйүнбү.

- Болду эми, баары өттү кетти, уулум аман-эсен келип кудай берди, жакшы адамга жолугуп калып, көз жашым тыйылды, санаам тынды Ратбек, отур эми бирдеме ич, курсагың ачпы?

- Берсең берчи, жүрөккө аш барбай камалып кетемби деп, бир жумадан бери сары санаадан азап чекпедимби?

- Ойлонуп иш кылбайт белең анан, эки уулду төрөп берип, койнуңда жаткан аялыңды душманыңдай жазалагың келдиби? - Элмира муңая карады, - башкадан күтсөм да, сенден күткөн эмесмин, анткени сенден арамдык кеткенин ойломок эмесмин да, жаман көрүп, кагып силккениң менен ошого бараарыңды сезген жокмун.

- Койчу эми жаным, ит болдум, уккан элдин бетин кантип карайм деп, ансыз да уялып жатам.

- Ушу сенин уялаарыңды кудай билет, соттолуп кетем деп эле корктуң, болбосо кетпейт элең?

- Сен өзүң сотто жаным, акың бар, мен чыны жаман иш кылганымды кийин сездим, бирок кеч болуп калган.

Ратбектин калган сөзүн уккусу келбей, Элмира ашканага кирип, тамак ысытып, чай койду: "Кудайга шүгүр, садагам Жоомартым аман-эсен табылып, ырысым бар экен, болбосо сен экениңди билип, балам табылбаса, өзүм өлтүрмөкмүн", - деген ойду ойлоп алды. Тамагын берип, суу ысытып жуунтуп, кийимин которгуча таң атып да кетти.

Бул тирүүлүктө нелер гана болбойт, кулак угуп, көз көргүс шумдуктар болуп кетип жатпайбы. Ошонун баарын төрт аяктуу, тили жок макулук эмес эки аяктуу адам баласы бири-бирин көрө албастыктан, кызганычтан, дүйнөкорлук менен жетишпестиктен жасап жатканы кызык? "Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат", - дегендей көр тирилик үчүн үйбүлөдө уруш, талаш чыгып, "бири тентек болсо, бири жөнтөк" болуп, түшүнбөгөнүн түшүнгөнү басып, кээде тең салмактуулук да, бир үйбүлөнү бекем сактап калат. Элмира өзү токтоо, көп сүйлөбөгөн келин, жаны ачып, ачуусу келсе, баарын чыгарып алат. Эки чырактай уулунун кадыры, үйбүлөнүн сакталышы үчүн ал күйөөсүн кечирип, түбөлүк бирге түтүн булатууга аргасыз болду.

Курманбек уулунун табылганына сүйүнүп, аны жанына салып, өзүнө көндүрүүгө аракет кылып жатты. Бала эмеспи, ал тез эле аталай баштады, өзүнө абдан окшош, өтө тың, чакылдап бат эле үйрөнүп алганына таң калып жүрдү. Жүгүрүп жүрүп күбөлүгүн алып, окуу башталганда мектепке берди. Акбермет келип, кээде ээрчитип алып кетип, кайра алып келет, убакыттын өтүшү менен ага баарын түшүндүрүп, аталык мээримин төгүп, абдан жакшы көрүп кетти. Жылдызкан аны өгөйлөгөн жок, өз баласындай көрүп турат. Негедир анын боюна болбой кечигип жатты. Врачка көрүндү эле аны төрөйсүң, эч кабатыр болбо, дегенден бери ичинен кубанып жүрдү. Рамисти бешке чыкканда отургузган, ошондо гана Жоомартты ойлоп, анын отургузулбаганын билип, ичинен түтөп, бир күнү эч кимге айтпай врачка отургузуп, каникулда үйгө карап жатты, аны каада-салт менен эл чакырып той бере албаганына өкүндү, жетиге чыкканча Акбермет деле ойлонбоптур аны. Ошентип бактылуу үйбүлө мамыры-жумуру болуп, жашоодогу ысык-суукту бирге көтөрүп, жашап жатты. Курманбектин ыргыткан ташы улам жогорулап, фирманын продукциясынан түшкөн киреше көбөйүп отуруп, абдан чоңойду. Аңгыча билинбей Жылдызкан экөөнүн жашаганына он жыл болгондо, анын боюна болуп, кыз төрөдү, экөөнүн тең кубанычы койнуна батпай, жээнтек той берип, тууган-уругун чакырып, бапырап калышты. Жоомарт алтынчы класста окуйт, окуусу абдан жакшы, жалаң беш. Кызынын атын Танзиля деп коюшту. Жылдызкандын санаасы тынып, үчөөнүн кареги менен тең айланып, Курманбек экөө бактылуу жашап, бири-бирин сыйлап турат. Айтолкун менен Айтурган тез-тез каттап, инисинин бактысына шүгүрлүк кылып, өздөрүнчө кубанып, көңүлдөрү тынып калышты.

Курманбек баласынын мектепти бүткөнүнө атайын машина алып берди. Жоомарт абдан токтоо, акыл-эстүү болду. Аны атайын юридикалык факультетке киргизип койду. Жылдызкан аны өз баласындай көргөндүктөн, ал дагы имерилип апалап турат. Жашоолору жакшы, сатып алган үйүнүн жанына заңгырата үч кабат жаңыча үй салышты. Үйүнүн бүткөнүнө арнап, чоң той берди. Тойго атайын кайын журтун чакырды. Эгемберди менен Куттубек келип, алар менен бирге Жоомарт да тойдо болду. Жоомарт тагалары менен сүйлөшүп, жанында болду кеткенче. Шаарда окуп чоңойгонго, Жоомарт маданияттуу өскөнүнө алар кубанычта болуп жатышты. Курманбек кайын журтун эки бөлбөй сыйлап узатты.

Жоомарт студент болуп жүрүп, Аделяга жолукту. Экөө адегенде бири-бирин жактырбай жүрүп эле, кандай болуп сүйүшүп калганын билбей да калышты. Ошол күнү Жоомарт кызды негедир тынчы кете күтүп, эки жакты карана берди, ал кечигип жатты. Жоомарт дал ошол күнү Аделяга өз сүйүүсүн айтканы камынып алган. Жүрөгү элеп-желеп боло, утур караган жигит кыздын карааны көрүнгөндө алдын тосо басты.

- Аделя кандайсың, эмнеге кечиктиң? - Жетип эле кызды колдон ала, жайдары карап, - Аделя, мен сага бүгүн бир сөз айтам угасыңбы? - деди көздөрүнө тигиле.

- Кулагым сенде, айта бер!

- Аделя, мен сени сүйөм!

- Эмне?

- Мен сени сүй-өөм! - Кызды кучактап алып, жүзүнөн аста өптү. - Сүйүүмдү кабыл аласыңбы, жаным?

- Кантип, а мен сени сүйбөсөмчү? - Аделя андан бошонуп, кербездене ары көздөй басты, - Сен экөөбүз азыр жашпыз, окуубузду бүтүшүбүз керек, балким кийин деле жетишээрбиз?

- Аделя, менин жаным жай албай, күнү-түнү сени ойлоно берип жаман болдум, чынын айтсам сенсиз бир мүнөт дагы тура албай турган абалга кабылдым. Айтчы Аделя, чын эле сенин жүрөгүңдө мага деген эч бир жылуулук жокпу?

- Жоомарт, азырынча сүйүү-күйүү дебей эле, экөөбүз баштагыдай эле жүрө бергенибиз жакшы го, биз ансыз да ынак доспуз го?

- Жо-ок Аделя, мен сени сүйөмүн, сен мага бүгүн эмес, эртең эмес үч күндөн кийин жообуңду күтөм! - Жоомарт кызга таарынгандай басып кетти. Аделя унчукпай туруп калды. Ошондон үч күнгө чейин Жоомарт кызга өчөшкөндөй жолукпай да койду. Аделя аябай бук болду, Жоомартты күткөн менен көзүнө көрүнбөдү. Аргасы кеткен кыз анын аудиториясына жолукмак болуп барды эле, курсташтары аны сабакка келбегенин айтты. Кыз ызаланып ыйлап, жатаканасына барып жатып алды.

Аделянын ата-энеси бакубат жашашат, эң кенжеси Аделяны жаңы эле окууга киргизген. Жоомарт экинчи курста, Жоомарт ооруп жатам деп, үч күнгө справка тапшырып, Аделяга таарынып үйүндө жатып алган. Жылдызкан уулунун көңүлүнүн чөгүңкү болуп турганына чебелектеп жатты.

- Эмне болду уулум, бирөөлөр менен араздашып калдыңбы?

- Жок апа, жөн эле…

- Кагылайын десе, көңүлүң чөгүп турат, бирдемеге капасың го?

- Эч нерсе болгон жок, башым эле ооруп турат.

- Дары берейинби?

- Ичпейм, - Жоомарт андан тажагандай ары бурулуп кетти, - Тынч коюңузчу мени!

- Мейли, тынчыраак жата гой, - Жылдызкан анын үстүн жылуулап, жаап коюп, чыгып кетти. Аңгыча, телефон чыр этип калды. Жылдызкан ала койсо, кыздын назик үнү угулду.

- Алоо!

- Угуп жатам, ким керек эле?

- Жоомартты айтып коесузбу?

- Аа-а азыр, ким деп айтайын?

- Аделя!

- Макул, азыр айтам, - Жылдызкан үстүңкү кабатка чыгып баратып, - Жоомарт, телефонго чакырып жатат! - деди.

- Ким экен? - Жоомарт башын көтөрө сурады.

- Аделя дейби?

- Аделябы, чын эле Аделя бекен? - Жоомарт ыргып туруп, жүгүрүп түшүп, трубкага жармашты, Жылдызкан жылмая карап туруп калды, - Азыр… - деген Жоомарт кийимин чала-була кийинип, чыгып баратканда:

- Уулум, кайда жөнөдүң? - деп Жылдызкан мээримдүү жылмая сурады.

- Азыр келем апа, тез эле… - Жоомарт чыгып кетти.

- Демек уулубуз чоңоюп калган экен да… - деп Жылдызкан башын чайкай жылмая өз ишине киришти. Танзилясы текилдеп жаңы биринчи класска окуп калган.

- Апа, акем кайда кетти? - деп апасына карап сурады эле, кызынын башынан сылап, чекесинен өптү да:

- Акең бойго жетип калбадыбы кызым, жумуштары чыгып калса керек, Рамисим да чоңоюп калды, эки уулубузга жакшы жерден келин алсак, сен чоңойсоң жакшы жерге берсек, көңүлүбүз тынып калат эле… - деп өзүнчө ойлуу отурганда, Курманбек келип калды.

- Балдар кайда? - Анын адегендеги суроосу ушул болду.

- Рамис мектебинен келе элек, Жоомарт азыр эле бир жакка чыгып кетти.

- Ооруп жатпады беле?

- Куке, балаңдын оорусунун себебин билдим, бир кыз телефон чалды эле, шашып кетти!

- Койчу?

- Койбой эле, сүйлөшүп жүргөнү бар го?

- Ошондой де, аны менен жакшылап сүйлөшүш керек экен.

- Ырас эле, жыйырмага келип калды, үйлөнөм десе, үйлөнтүп коюш керек.

- Кеңешели…

- Өзүнчө сүйлөш, мага таарынып жүрбөсүн, айтып коюптур деп, - Жылдызкан күйөөсүн күлө карады.

- Таарынбайт, кайра сүйүнөт, айта албай жаткан неме, - каткырып калды.

Ал күнү Жоомарт үйгө кубанычтуу келди. Кеч келип жатып алды, Курманбек эртеси эртең менен сүйлөшмөк болду эле, сабакка кетип калды. Эки-үч күн жолугуша албай, акыры бир күнү атайын эрте келди. Чогуу отуруп, чай ичип отурганда, Жылдызкан экөө акырын ымдаша калды да, Курманбек тамагын кыра Жоомартты карады.

- Уулум, эми сен чоңойдуң, мына жакында үчүнчү курс болосуң, менин бир таанышымдын кызы бар экен, жакында мектепти бүтүптүр, сен макул десең сөйкө салалы?

- Ата, азыр үйлөнбөйм! - Жоомарт бурк эте ордунан туруп баратканда, Курманбек буйрук бере сүйлөдү.

- Отур, али сүйлөшүп бүтө элекпиз.

- Мм, - Жоомарт унчукпай отуруп калды.

- Мен айткан кызга көңүлүң келбесе, өзүң жактырганың барбы? - деди Курманбек акырын сынай карап.

- Жок! - Жоомарт жер карай күңк эткенде, Жылдызкан:

- Балам, биз сени жаман болсун дебейбиз. Эгер өзүңө жаккан кыз болсо, кандай жердин кызы, бизге туура келеби же келбейби, туура келсе, тезирээк сөйкө салып, милдетибизден кутулалы деп жатпайбызбы? - деди.

- Ата, кайдан экенин, кандай жердин кызы экенин билбейм, бирок… - деп такала калды Жоомарт.

Курманбек кубанычтуу алаканын ушалай күлүп калды.

- Азамат уулум, мына эми эсиңе келдиң, үйлөнөсүңбү?

- Сиздер макул десеңиздер.

- Биз эмне кой демек белек, кыз кайда окуйт?

- Түрк-Манас университетинде биринчи курста.

- Жакшы экен, ата-энесине барып, сөйкө сала берелиби?

- Макул.

- Анда сен дарегин так билип кел, өзүм сүйлөшөм.

- Макул.

- Бара бер эми.

Жоомарт кудуңдай чыгып кетти. Ал азыр буту менен баспай эле, учуп бараткандай болуп, кетип жатты: "Азыр эле барып Аделяга айтам, ата-энесине айттырып, сөйкө салып, тез эле үйлөнүп алышым керек", - деп шашып кетип баратып, ата-энесине ыраазы болуп турду, ушу кез: "Эгерде апамдын колунда болсом, ал мени ушинтип окута алат беле, күйөөсүнүн көзүн карап, жакшыраак да кийинте алмак эмес", - деп апасына боору ооруп кетти.

Анын келе жатканын көргөн Аделя жүгүрүп келип.

- Жоомарт, эмнеге мынча кечиктиң? - деди.

- Ошондой болуп калды, кечирип койчу Аделя, андан көрө сага айта турган жаңылыгым бар!

- Чынбы, ал кандай жаңылык?

- Атамдар мени үйлөнтөбүз деп жатат, сага сөйкө салабыз дешти.

- Чынбы? - Кыздын көздөрү жайнай, Жоомарттын мойнуна колдорун ороп алды, - Качан салышат экен?

- Сенин үйүңдү, ата-энеңдин кайда экенин айтсаң эле, мен атама айтам, анан өзү сүйлөшөм деди.

Экөө андан кийин бакта ары-бери сейилдеп басып жүрүштү. Алар азыр бактылуу кол кармашып, алдыда кандай тагдыр күтүп жатканы менен иши жок, бей капар гана жетелешип көпкө жүрүштү. Курманбек Жоомарт келээри менен андан кыздын дарегин сурап, эртеси досун ээрчитип алып барды. Сейитбек алар барганда эшигинин алдында жүргөн. Үй-жайынын дурус эле экенин көрүп, ичинен ыраазы болуп алды. Сейитбек Курманбек курдуу эле, жети баласы бар, бир кызы менен бир уулу колунда, калганы үйлөнүп-жайланып кеткен. Чоочун адамдарды көрүп, басып келди.

- Ас-сало-ому ал-лейкум! - Курманбек жете келип, кош колун сунганда Сейитбек алик ала бейтааныш адамдарды чолуй карап туруп калды.

- Ал-лейкум салам, келипсиздер!

- Келип калдык, адегенде таанышып алсак, менин атым Курманбек, бул досумдун аты Атабек.

- Жакшы экен, менин атым Сейитбек, - Аңгыча ары жактан Бурмакан келди, эрди-катын бири-бирин карап, аларды үйгө карай баштады, - Үйгө кириңиздер!.

Ээрчише кирип, дасторконун жайып, чайын алып келди, негедир бул келген чоочун адамдардан эмне деген сөз чыгат дегенсип, Сейитбек жер карап отура берди.

- Эмесе Сейитбек, тең чамалуу эле окшойбуз, келген жумушубузду айтсак мындай, - Атабек сөз баштады, - Сиздерде кыз бар экен, бизде уул бар… - дегенде Бурмакан чыйпылдап ийди.

- Капырай, кызыбыз азыр өтө жаш эле, алып кетип калдыңарбы?

- Жок-жок, - Курманбек шашып кетти, - Биз деле ата-салтын билебиз, балдар бири-бирин жакшы көрөт экен, таанышып, сүйлөшүп келели деп келгенбиз.

- Жакшы-жакшы, - Сейитбек эми гана башын өйдө көтөрүп, сүйлөй баштады, - Кемпир, "ырыстууга жуучу, ырысы жокко доочу келет", - дегендей жаман кызыбызды биз али кичине деп жүрсөк, бойго жетип калган тура, - деп бакылдай кетти.

- Ошо, эми сиздер менен кеңешип, бир күндү болжоп алып, сөйкө салалы, - Курманбек Сейитбек менен Бурмаканды карады, - Сиздер уруксат берсеңиздер…

- "Кызды сураганга, кымызды ичкенге бер", - деген эмеспи, Кукем жаман кишилерден эмес, уулу соттун окуусунда окуйт, быйыл үчүнчү курста, - Атабек бабырап кирди, - Буйруса кыз бактылуу болот!

- Эми-и адегенде эле эмне деп жооп берээрибизди билбей калдык, Аделя он жетиге эми чыгат, өтө жаш. Ойлонолу, кыз менен сүйлөшөлү.

Бурмакандын жүйөөлүү сөзүнө Курманбек муюп, туура көрдү. Ошентип көпкө сүйлөшүп, анан үйлөрүнө кайтты. Эртеси эле Бурмакан кызына жетип, сүйлөшүп отурду. Аделя башын жерге салып угуп отурду да:

- Апа, эгер силер каршы болсоңор, мен күйөөгө тийбейм! - деди көзүнө жаш тегерене.

- Жо-ок кызым, эгер сен өзүң ал баланы жактырсаң ачык айт, жакшы адамдар экен, сөйкө салыша турган болсо, даярдана берелиби?

- Өзүңөр билгиле, апа.

- Бизде эмне кызым, сени жаш деп эле кылчаңдап жатабыз, сенин бактылуу болушуң керек бизге, бизден тартынба, жигитти сүйсөң, биз каршы эмеспиз, - дегенде кыз энесинин көкүрөгүнө жөлөнө ыйлап жиберди:

- Мен Жоомартты сүйөм, апа!

- Мейли каралдым, анда сөз бүттү, туугандарды чакырып, бир күндү белгилеп, жооп берели.

Бурмакан кызын бооруна кысып көпкө отурду: "Аттиң, ушу секелегим деле бойго жетип калган тура, эмнеси болсо дагы бактылуу эле болсунчу", - деп ойлуу отуруп, анан такси менен үйүнө жөнөдү. Алардын үйү шаар четиндеги айылда, жарым сааттык жол. Окуусуна жакын деп, Аделя жатаканада турчу. Алар кубанычтуу жакшы күндү, той түшөөр мезгилди күтүп, эки жак макулдашып сөздү бүтүрүп коюшкан. Адам эртеңки күнү кандай болуп кетээрин сезбей, кийин өкүнүп калат эмеспи, күткөн күн да келип, чоң кафеде сөйкө салуу аземи болуп өттү. Тойду бир айдан кийинкиге калтырып макулдашкандан кийин Аделя Жоомарт менен ачык эле жетелешип жүрүп калышты. Дал ошол күнү дагы экөө жолугуп кеч бөлүнгөн. Аделя жатаканага жетип, аны узата карап турган. Жоомарт машинасын жылдырып кетээри менен ары жактан бир машина келип, Аделяны бакыртып салып кетишти.

- Кайда алып барасыңар, мени кое бергиле! - деп кыз жулунса да кое бербей:

- Эй сулуу кыз, биз сени кармабайбыз, бат эле кайтасың, биз менен көңүл ачып кой! - деп каткырган кызуу немелер аны бекем кармап алып, машинаны зуулдата айдап кетип жатышты.

- Кое бергиле дейм, байкелер, мендей карындашыңар бардыр, кое бергилечи, айланайын акелер! - Кыздын үнү кудайга жетип, чучуктай чаңырып, кетип жатты. Абдан тоюп алган немелер анын сөзүн угуп да койбой кетип баратып, ээн жерге буруп токтотту, анан машинадан сүйрөп, ары алып барышты да, көпкө эрмектешти.

Жатакананын жанынан машинага сүйрөп салганын көргөн вахтадагы кемпир баарына айтып чыкты. Кыздардын ичинен Аделянын жок экенин билип, милицияга чалышты. Бирок кайдан издемек, дайыны жок ээн баштар кызды каалашынча уйпалап туруп, жол жээгине таштап кетип калышты. Эсин жоготуп койгон Аделя таңга маал өзүнө келип, айрылган кийимдери менен жолго чыга албай бүрүшүп, боздоп ыйлап отуруп: "Эми элдин бетин кантип карап, тирүү жүрмөк элем, ушундан көрө биротоло өлтүрүп коюшса болмок", - деп жүрөгү сыздап отурганда таң агарып кетти…

Кечке жуук таап келишти аны, өлөйүн деп өлө албай кийимин алмаштырды да башы оогон жакка жөнөгөнү жатканда милиция келип, аны ооруканага алып кетти. Бул окуяны уккан Жоомарт эмне дээрин билбей нез болуп, оозуна сөз кирбей калды. Башына келтек тийгендей өзүн-өзү алаксытмак болуп басып жүрдү. Эч кандай суроосуна жооп таба албады, жүрөгү кыжаалат болуп, үйүнө да барбай жүрө берди: "Эмне кылышым керек, ал күнөөлүү эмес, күнөөлүү айбандар табылса, өзүм гана жазаламакмын, акмактар десе, Аделя күнөөлүү эмес", - деп ички туюму менен аны актап жатты. Ооруканага барууга да даабады: "Мени көрсө, ал ого бетер намыстанат, ачуусу-ызасы тараганча көрүнбөй эле турайын", - деп үйүн көздөй жөнөдү.

Уулун көргөн Курманбек менен Жылдызкан эч нерсе дебеди. Унчукпай отуруп, тамактанды да, бөлмөсүнө чыгып кетти.

Аделя ооруканада жатып: "Менин тагдырым ушундай жазылган тура, эми окуумду да уланта албай калам, неге ошол күнү өлүп калбадым, кордолгон кызды ким карамак эле, Жоомарт эми мага келбейт, көрүнбөй койгону жакшы", - деп ойлонуп, ыйлап алат, эч ким менен сүйлөшпөйт. Бурмакан келип врачка жолукту эле ал:

- Кызыңыздын жатынына доо кеткен, төрөбөй калышы мүмкүн, беш-алты жылга чейин күйөөгө тийбеши керек, - деди.

- Айланайын, төрөбөсө дагы аман калганы биз үчүн дөөлөт болду, зөөкүрлөргө кудай өз жазасын берээр, - деп Бурмакан ыйлап-сыктап чыгарып кетти.

- Оор жүк көтөрбөсүн, бир-эки ай тынч жатсын, - деди врач жөнөөрүндө.

Ата-эне үңкүйүп же кызын күнөөлөй албай көңүлүнө карап, тез-тез врачтарга көрсөтүп жатышты. Курманбектер тынчып эле калышты. Жоомарт болсо сабагына барып келип, эч ким менен сүйлөшпөй өзү менен өзү. Акыры арадан эки ай өткөндө, уулунун аябай азып кеткенин көргөн Курманбек:

- Эми эмне кылсам дейсиң, балам? - деди.

- Билбейм!

- Билбегениң кандай, адам деген чечкиндүү болгону жакшы, болоор иш болду, эми мен тапкан кызга куда түшөлүбү?

- Жок, аял албайм!

- Эмнеге, бир кыз деп, өз тагдырыңды талкаламак белең?

- Ата, азыр үйлөнбөйм, бир эки жыл окууну бүтүп алайын.

- Нымтырабай ачыгыңды айтып жүр уулум, окууну бүткүчө жүрө бермек белең, үйлөнтөм!

- Ата… Жакында каникулга чыгабыз, анан көрөөрбүз.

- Эмне?

- Кое туруңузчу?! - Жоомарт ордунан турмак болгондо, Курманбек карысынан кармап отургузуп койду.

- Эртең жакшылап жооп бергидей болгун, бар эми эс ал!

- Макул, - Жоомарт башын жерге салып туруп кетти.

Курманбек ойлуу отуруп калды. Жылдызкан ата-балага киришпеди. Көпкө ойлуу отургандан кийин Курманбек аялына карады.

- Ээ Жылдызкан, бу балаңдын көөнү дале Аделяда болсо керек, эмне кылабыз, сүйүүнү түшүнбөсөк, жүрөк ишин билбесек бир жөн эле, ушул бала бир кыз деп, өзүн жоготуп коебу деп корком.

- Мен деле эмне дээримди билбей калдым атасы, кызда эмне күнөө, бечарага да кыйын болду.

- Эмесе Жоомарт өзү макул болсо, үйлөнтүп коелу.

- Өзүң бил атасы, жаштыктын арзуусу күч болсо, жүрөктөр бир бири-бирин каалап турса, ажыратуу кыйын…

- Туура айтасың. Кой, уулумдун назарын сындырбайын, же дагы байкап көрсөкпү, ойлонуп көрсүн.

- Ошентсең ошент, бечара кыздын тагдыры да кыйын болду, өмүр бою жүрөгүнөн кетпес так калды го?

- Тагдырдан качып, эч жан кутула албайт, - деп экөө сүйлөшүп отуруп, Жоомартты өз оюна коймок болуп чечишти.

Эртеси Жоомарт сабактан келип, атасынан тайсалдап, бөлмөсүнө чыгып кетти, эч кимиси үндөбөдү. Ошол бойдон Курманбек аны үйлөн дегенди койду. Рамис жетинчи класста окуйт, чыйрак, тың. Сабакты жакшы окуйт, кызы Танзиляны Курманбек аябай жакшы көрөт. Үйдө болсо эле жанынан чыкпай эркелегени эркелеген. Ар бир баласынын өз бөлмөлөрү болгону менен ал эркеликке салып, ата-энесинин жанына жатып алат. Рамис чоңое баштаганы кеч түнгө чейин жолдо балдар менен жүрө берет, анын үйгө жолобогонунан Жылдызкан коркуп, кабатыр боло берчү болгон. Курманбек аны өзүнүн баласынан кем көрбөйт. Ал кийинки күндөрү өзүнчө корсулдап, капа болуп жүргөнүн байкаган Жылдызкан бир күнү үйдө эч ким жокто жанына отуруп алып:

- Уулум, сен акылдуу бол, мынча эмне кыял-жоругуң өзгөрүп баратат? - дегенде ал бурк этти.

- Сиз мени эмнеге өз атамды таштап кетип, мени башканы ата дедиртиңиз? - деди ачуулуу карап.

- Эмне дейт ботом, сага ким айтып жүрөт? - Жылдызкан эки жагын карана, баланын оозун баса калды, - Атаң укса капа болот!

- Сиз мага жооп бериңиз, эмнеге мени өз атамдан ажыраттыңыз деп жатам?!

- Бас жаагыңды! - Жылдызкан Рамисти жаакка чаап жиберди, - Акылы жок, сага мындай ушак сөздү ким айтып жүрөт ыя?

- Чоң атам келип кетти, мен чындыкты уктум, эми ошо чоң атама кетем! - деп Рамис жүгүрүп кеткенде, Жылдызкан эмне кылаарын билбей отуруп калды: "Кара оозуңа кан толгур десе, дагы бирөөлөр атайын алып келип жолуктурган экен, эми эмне кылам, кетип калабы, олдо кудай ай Курманбекке эмне деп айтам", - деп көз жашын көл кылып отурганда, Танзиля кирип:

- Апа, апа дейм, Рамис акем бир чал менен турат, - деп калды.

- Каерде турат?

Алдастап тура калган апасын тепилдеген сеги-тогуз жашар кыз колдон ала жетелеп жөнөдү.

- Жүрүңүз, мен сизге көрсөтөм!

- Азыр-азыр, кызым… - Көз жашын чала-була аарчый кызынын жетегинде бараткан Жылдызкан аз жерден кирип келе жаткан Курманбек менен сүзүшүп ала жаздады.

- Ой силер шашып кайда? - деген Курманбектен көзүн ала качып, эмне дээрин билбей калганда, - Сага эмне болду, ыйлап алгансың го?

- Жок-жок, ыйлаган жокмун, азыр, мен бат эле келем! - деп шаша чыгып кетти.

Курманбек унчукпай алардын артынан чыгып карап калды. Жылдызкан Танзиля көрсөткөн жакка дегдеңдеп кетип баратып, маңдайында турган карыган чалды көрүп, дилдирей туруп калды. Рамис апасын көрүп, башын жерге салып, чалга бирдеме дегендей болду, Ашыркул карыя абдан карып калган экен. Жылдызканды көрүп, бери басты.

- Балам, жакшысыңбы?

- Жакшы, келген экенсиз?

- Келдим айланайын, менин Бегишимден башка балам жок экенин билесиң, эки кыз бар, уулум ушул эле, эми неберемди өзүмө бер, балам!

- Ушуга чейин кабар албай, анан көчөдөн жолугуп ар нерсени айтканыңыз кантип болсун?

- Андан башка аргам жок эле, балам?

- Үйгө келип ачыгын айтсаңыз болот эле го, баланы өз атасынан артык кылып баккан атасы бар!

- Баары бир ал өз атасы эмес да? - Жылдызкандын ыйлап жатканын көрүп, боору ооруду окшойт, Ашыркул саал үнүн пас чыгара күнөөлүүдөй, - Кызым, мени кечир, барсам эмне дейт деп даабадым…

Ушул убакта Курманбек бир нерсени сезгендей аларды көздөй басып келди.

- Эмне болду?

- Эч нерсе… - Жылдызкан үйдү көздөй басып кетмек болгондо:

- Токто Жылдыз, мен кабардармын эбактан эле, - деди Курманбек.

- Кантип?

- Ушинтип эле, ушундай болмок, "ала кушту атынан айт" деген сөздүн аныгы, баары бир эр жеткенде укмак да?

- Ырас айтасың балам, неберемди өзүм алып алайын дедим эле… - Ашыркул Курманбекке карап суранып турду.

- Аксакал, сиздин балаңыз экени анык, эч ким сизден талашууга акысы жок. Жүрүңүз үйгө, чай-пай ичип, анан кетесиз, - дегенде Жылдызкан үн дебей алдыга жөнөдү.

Ашыркулду сыйлап, ал күнү түнөтүп койду. Бул кезде Ашыркул жалгыз жашачу, кийинки аялы эки кызын алып кетип калган экен. Эртеси Курманбек:

- Аксакал, жалгыз болсоңуз Рамис эрмек болот дечи, бирок анын окуусу кандай болоор экен, окуусу жакшы, аксап калаар бекен? - деди.

- Балам, мага барып, биякка келип жүрө берсин, мен азыр алып кетип, окуусу башталганда жөнөтүп коем.

- Макул аксакал, келгенде тартынбай келип туруңуз, сиз үчүн эшигибиз ачык, - деди жөнөтүп жатып: "Бечара, карып чалдын күнөөсү кайсы, небересин көрүп кубат кылып калсын", - деп ойлонуп оор улутунуп алды: "Ушуну билгем, бул киши келбеген күндө да менин бөлөк экенимди билип кийин капаланмак, атасын дагы көрсүн", - деген ойдо ичи ачышып да турду. Кантсе да тырмактайынан бакканга жакшы көрөөр эле…

Жылдызкан Курманбектен өтүнүп, эч нерсе дей албады, узатып уулун эки бетинен өөп:

- Уулум, тез кел ээ садага, окууң башталганча келип кал, - деди көз жашын аарчый.

- Апа, мага таарынба, келип-кетип турам, чоң атамды жалгыз калтырганым болбойт, атам мени кечирсин! - деди да Рамис шарт бурулуп жөнөп кетти.

Өзүн токтото аргасыз калган Жылдызкан үйгө киргенде аны ийинден ала:

- Жылдыз жаркыным, капалана бербе, бала эмеспи, сен жөнүндө жаман сөздөрдү мурдараак айтып койгонго капа болсо керек, кары кишинин назарын сындырганда болбойт, бирок бала эки атасы болуп өсүп калганы жаман… - деп көз жашын аарчый, колтуктап келип столго отургузду, - Эч кабатыр болбо, келет уулубуз кайра эле.

- Кайдан билип алды экен, деги кайсы гана ниети бузуктар ага көргөзүп койду? - деп солкулдап жатты Жылдызкан.

- Эл деген эл, ала-куласы ичинде, кимиси айтканын билесиң байбиче? Мейли, кары кишинин көөнүн калтырбай жибердик, менин билишимче, бул киши баланы он күндөн бери азгырып жүргөнүн уккам, сени укса айтаар дегемин.

- Эмнеге унчуккан жоксуң, мен кечээ гана билбедимби?

- Өзүң уксун деп тим койгомун.

Экөө тең унчукпай калды. Жылдызкан ыйлап-сыктап тим болуп калды. Курманбек жумушуна чыгып кетти.

Арадан бир ай өткөндө Рамис өзү кирип келди, бир аз жүдөй түшкөн. Жылдызкан баса калып өөп, жыттап кирди:

- Каралдым десе, жакшы жүрдүңбү, кыйналган жоксуңбу, садагам?

- Жок апа, кыйналган деле жокмун, атам мага таарынган жокпу?

- Жок-жок балам, эмнеге таарынмак эле, атаң эстүү киши үчүн сени бөлөктөй кылып баккан жок да. Ал тургай ал сени күтүп, сагынып жүрбөйбү, кардың ачкан жокпу садага, жуунуп кийимиңди которунуп келип, бирдеме иччи! - деп Рамисти ары жөнөтүп ийип босогодо өздөрүн карап турган кайнатасын көрүп шашып калды.

- Кандай балам, жакшы турасыңарбы? - деп бери басты ал, Жылдызкан өзүн көрөөрү менен.

- Келиңиз ата, мен сизди байкабай эле…

- Ээ балам, Рамисти жеткирип келгемин, - Ашыркул үшкүрүнө келип, столго отуруп калды.

Жылдызкан столго тамак ашын коюп, толтуруп жиберди да, чай куюп сунду.

- Чай ичиңиз.

- Биссимилда, - Ашыркул эңкейе чыныны алып ойлуу отуруп калды, - Келиним, баланы алып келдим, мен ага силер бергенди бере албайт экенмин, карыган чалдын кудурети чамалуу экенин билесиңер балам, анын үстүнө абдан эрке чоңоюп калыптыр, баланы кыйнап жүдөтүп албайын дедим. Эң негизгиси ата-тегин тааныды, туугандарга Бегишимден калган туяк экенин тааныштырдым, эртели кеч журтубузду ээн калтырбай ээлик кыла турган туягыбыз барына шүгүр. Күйөөңө чоң ыраазычылыгымды айтмакмын, жакшы жигит экен көп жашасын, мындан артык айтаарым жок! - Ашыркул чыныны жылдырып ордунан туруп баратып, - Балам мен өлгүчө барып-келип турсун, мен силерге ыраазымын! - деди да чыгып кетти, кары ушул кез алсыздыгына, карыптыгына зээни кейип, көз жашын сыдырып алган эле…

Жылдызкан унчукпай отурган жеринде селдейип отуруп калды. Рамис жуунуп, кийимин которунуп келди да, шаша-буша стол үстүндөгү тамак аштан алып, ар кайсыдан жеп жатты. Үйрүлүп түшкөн эне чайын сунуп, тамагын алдына коюп, өнтөлөп жатты. Бооруна кысып улам чекесинен, жүзүнөн өөп:

- Каралдым менин, кардың ачкандыр ээ, жалгыз карыган атаң сени кыйнап койгон жокпу?

- Койчу апа, кыйналган деле жокмун, чоң атам өзү зорго жашайт экен да, байкуштун жашоосун көрсөңүз!

Рамис чоң кишидей ойлуу сүйлөгөндө, Жылдызкандын сай-сөөгү сыздап кетти: "Курган жаным ай, жалгыз өз башымдын бактысын ойлоп баламдын келечегин, эртеңкисин ойлобогонумду кара, алкаш эмес жинди болсо да, сүйүп тийген күйөөм эмес беле, чыдасам башкача болуп ушул уулум өз элинде өсөөр беле, акылсыз башым", - деп ыйлап отурду, көз алдында бүжүрөгөн чал, жүрөгү ооруп зырп этип сайгылашып жатты…

Жоомарт жайкы каникул учурунда үйдөн чыкпады, ал аябай санаа тартып арыктап да кетти. Курманбек аны көрүп түтпөй кетти, жаткан бөлмөсүнө кирди.

- Уулум, эмне болуп жүрөсүң деги, өзүңдү-өзүң кыйнадың го, үйлөнтөйүн десем болбойсуң, деги эмне ой-санааң бар, айтчы?

- Ата, жөн эле ооруп жүрөм.

- Сенин ооруңду жакшы билем, Аделя үчүн азап тартып жүргөнүңдү билем, кана дартыңды ачык айтчы, эгер сен макул болсоң, ошол кызды алып берейин.

- Ата!

- Болду, ар кайсыны айтып баш оорута бербе, карачы эмне болуп баратасың, сен менин жалгыз баламсың!

Курманбек ушинткенде Жоомарт өйдө боло минтти:

- Ата, кабатыр боло бербеңиз, убакыт дарылайт деген сөз бар го, акырындап унутам.

- Анда эки жакка чыгып көңүлүңдү ачпайсыңбы, эмне жетишпейт, алдыңда машина турат, пулду каалашыңча берейин, алаксычы! - Курманбек уулун чекесинен өөп, чачынан сылай оор күрсүнүп алды, - Уулум, сен чындыкты, ички сырыңды менден эч качан жашырба, сени мен каалаганды жаса дебейм, өзүң каалагандай болот, Аделяда деле күнөө жок, ал эми кырсык, тагдыр ошондой, көңүлүң кааласа жок дебейм!

- Ыраазымын ата, бир аз убакыт бериңиз, ойлонуп көрөйүн, - деди Жоомарт атасына күлүмсүрөй карап, - Эгер мен Аделяга үйлөнөм десем кандай дейсиз, сизге кеп тийбейби?

- Ой бала, айткандар айта берсин, өзүңө жакканын кыл, сен өзүң билип чектен чыгып кетпейсиң, билем уулум, өз жүрөгүңө ишен, - Курманбек Жоомартты далыга таптап койду, - Мен сага ишенем, сыймыктанам, уулум!

- Рахмат, ата! - Жоомарт кубанычтуу кийинди да атасын бир карап коюп чыгып кетти.

Курманбек башын чайкай жылмайып карап коюп, Жылдызканды ийинден ала кучактап күлдү.

- Байбиче, жаштарды өз оюна койгон жакшы, бечара кыздын абалы деле Жоомарттыкынан жакшы эмес чыгаар?

- Туура кылдың, Жоомартым айтканынан эч кайтпаган бала, өзү сүйүп турса, эмне демек элек?

- Мейли, түшүнбөгөндөр эмне десе ошол десин, мен намыс кылбайм, кыз жакшы бүлө болуп берсе эле болду, - дешип Жоомарттын жообун күтүп калышты.

Ошенткен менен ич ара тымызын тойго даярдык көрө башташты. Экөө кеңешип, Элмираны да чакырмак болушту.

Бул кезде Аделяны зордуктаган төрт бала кармалып, сотко беришмек болгондо, биринин атасы мыкчыгер, байлыгына чиренген неме Сейитбектин алдына өзү келип, бир боо акча таштады.

- Балдардын бейбаштыгын кечириңиз, жаштыкта баары боло берет, кызыңыздан кечирим сураганыбыз болсун!

- Эмне-е, ушул акчаң биздин төгүлгөн абийирибизди жаап, кызымдын жүзүн агарта алабы?! Азыр үйүмдөн чыгып кет! - деп Сейитбек ачуулана акчасы менен бетке урду. - Мен дагы алымдын жетишинче артыңардан түшөм, ушул акча баарын бүтүрө турган болсо, мен дагы чачам, эмне болсо да балаңды түрмөдө чиритем!

- Көрөбүз, жакшылыкча бүтүрөлү десек болбодуң, - деп ал киши чыгып кетти.

Бул Бекмамат деген өзүнчө чоң фирманын жетекчиси эле. Сейитбек ошондон баштап ары-бери жүгүрүп, тааныштарына барып, арыз жазып, президентке чейин арыз жөнөттү. Муну билген Бекмамат акыры айласы кетип кызды келин кылып алууга алдына келгенде да Сейитбек болбой: "Зордукчулдарды соттоп, өз жазасын берип, адамдык укугубузду коргоп бергиле", - деп жатканда, муну укпаган Жоомарт барып калды. Сейитбек Жоомартты жакшы кабыл алып, үйгө киргизди да, болгон ишти айтып берди.

- Ушундай уулум, эми тагдыр ушундай экен, капа болбо, Аделянын абалын түшүн, ал болсо арыктап да, ыйлап-сыктап да бүттү, анын абалын көрүп туруп, энеси экөөбүз да кыйналып бүттүк, - деп үшкүрүнө карады.

- Ата, мен Аделяны сүйөм, атамдар дагы каршы эмес, кадимкидей эле той өткөрүп үйлөнөм!

- Балам, Аделя болбойт го?

- Мен Аделяга жолугушум керек, кандай болбосун ага үйлөнөм.

- Азыр аны чакырайын.

Сейитбек туруп баратканда, Бурмакан кирди. Ал Жоомартты көрүп эле, селдейе туруп калды. Эрди-катын бири-бирин карап туруп калды да.

- Кел балам, келе гой, - деп Бурмакан аны карады, - Аделя ооруп жатат, телефон эле чалып сүйлөшүп көрчү, ал биз менен дагы сүйлөшпөй жатат, - деп күнөөлүүдөй унчукту.

- Ата-апа, менин атамдар тойго камынып жатышат, Аделяга айтыңыздар, мен аны таштабайм! - деди да жөнөй берди.

Анан телефон будкасына келип, телефон чалды. Көптө барып Аделянын үнү угулду.

- Ало, Аделя, бул мен, Жоомартмын! - дегенде трубка түүт-түүт деп калды, Жоомарт кайра чалды, - Ало Аделя, угуп жатасыңбы, эмдиги жумада той өткөрөбүз, даяр бол!

- Жоомарт, мени кечир, мен сага тең эмесмин!

- Андай дебе Аделя, мен сени сүйөм!

- Менин сүйүүм тагдырым талкаланган күнү өчкөн!

- Аделя, жаным, мени түшүнчү, мен сенсиз жашай албайм. Атамдар дагы макул болуп жатат, аларга сен жагып калыпсың, сени келин кылып алууга даяр! - Жоомарт жан алы калбай сүйлөй берди, Аделянын ыйлаганы сезилип, жүрөгү ооруп, аны телефондон соорото албай далбастап жатты. Үн катпаган менен Жоомарттын сөзүн угуп, анын жүрөгү сыздап, трубканы бекем кармап алып муңканып "ык-ык" деп аста гана шыбырады.

- Жоомарт, мени кыйнабачы, кайсы бетим менен сенин босогоңду аттамак элем, мени кечир, убара болбо?!

- Жок, мен айтканымдан кайтпайм, эгер сен макул болбосоң мен тентип жоголом, сүйүүмдүн жоголгону үчүн өзүмдү курман кылам!

- Анте көрбө, Жоомарт! - Кыз трубканы коюп койду.

Жоомарт башын жерге салып, үйүн көздөй кетип жатты. Жол бою өзүн-өзү алаксытып, көңүлү ачык, жайдары көрүнүүгө аракеттенип кирип келгенде, эч кимиси жок эле. Курманбек кеч келди, алдыга тамак келгенде:

- Жоомарт келди беле? - деди Жылдызканды карап.

- Бөлмөсүндө акем, - Рамис жооп бере салды.

- Чакырып келчи, - дегенде Рамис элпек тура калып, аны чакырып келди.

- Кел баатыр, эмне тамактанбай жатып алдың?

- Кардым ток.

- Ошентсе деле катарга отуруп, сүйлөшүп-кеңешип дегендей… - Курманбек аны суроолуу тиктегенде Жоомарт:

- Ата, качан үйлөнөм? - деди ичип жаткан чынысын караган бойдон.

- Азаматым десе, сен даяр болсоң, биз да даярбыз, - деди Курманбек күлө Жылдызканды карап, - Туурабы, апасы?

- Ооба садага, биз даярбыз.

- Анда сиз качанкыга десеңиз мен Аделяга айтышым керек!

- Эмки жумага деп чакыруу билетин даярдайлы, эжемдерге, апаңа, тагаларыңа да жеткириш керек.

- Ата, менин досторума да жөнөтөм, алар үй-үйлөрүнө кетишкен да.

- Чакыр уулум, сен кайра-кайра үйлөнө бермек белең?

- Ооба уулум, бир жолу төрөлүп, бир жолу өлөт адам, ошондой эле бир жолу үйлөнүү той болот, - Жылдызкан уулуна мээримдүү карап жылмая сүйлөдү.

Ошол күнү ата-энеси уктагандан кийин Жоомарт Аделяга телефон чалып:

- Аделя, эртең апамдар сага барышат, тойду жума күнү өткөрө турган болдук, атамдар барып кеңешишет го? - деди кубанычтуу.

- Жоомарт, мени кыйнап жатасың, ушунун кереги бар беле, же мени аяп бооруң ооруп жатабы?

- Жо-ок алтыным, мен сени сүйөм, сенсиз жашай албайм, каршылык кылбачы, жаным!

- Жоомарт, сен мени туюкка камап жатасың.

- Сөздүн кыскасы, эмки төртүнчү күнү машина менен барам, чыгып кал. Салонго барып, андан сага кийим, шакек алабыз! - деп коюп койду.

Эки жак кеңешкени отурганда, Бурмакан бир нерсени айтмак болуп, оозун таптаган менен айта албады. Врачтын: "Кызыңдын жатынына доо кеткен, балалуу боло албайт", - дегенин айтмак болду, бирок тим болду: "Пешенесине жазганын көрөөр, балким жаш неме жашай берсин", - деп ойлоп алды. Бирок жүрөгү мыжыгып туруп алды.

Белгиленген күн келип, кыз-жигит оюн-зоок менен жаштар болуп, адегенде эле ЗАГСка барышты. Аделя канчалык кабагын ачып отурайын десе да ички сезими аны тынч койбой: "Жоомарт го мени сүйөт, жоро-жолдоштору аны сөзгө жыгып койбос бекен, менин азабымдан теңтуштарынын ичинде кемсинип жүрбөс бекен, неге тагдырым мени ак сүйүүмө акактай бойдон барууну буйрубады?" - деп ичи өрттөнө ызаланып жатты.

- Ээй сулуу кыз, коноктордун көзүнчө кабагыңды ачып отур, - деп Жоомарт кулагына шыбырай өөп алды.

- Жо-ома-арт! - Кыз эркелей көзүн сүзө жылмайып койду.

Бул тойдо Курманбектин кайнилери Куттубек менен Эгемберди, Аделянын тагасы Жоодар дагы келген. Шаңдуу ыр, бий менен өтүп жаткан тойдо Курманбектин катышы бар теңтуштары, Жылдызкандын ага-эжелери, Элмира күйөөсү менен болду. Эки жаштын үйлөнүү тоюнда ырчылар ырдап, оюнга түшкөнү оюнга түшүп, сүйлөгөнү сүйлөп, көңүлдүү отурушканда, Курманбек менен куда болобуз деп жүргөн досунун аялы эки аял менен сүйлөшүп отурду:

- Курманбек эмнеге бул кызды баласына алып берип жатат десең, башка кыз табылбай калгансып? Канча бала зордуктап кеткен кызды алып берип, эмне күч келди десең?

- Ошону айтсаң, баласы да акылы жок экен, сени менен же мени менен куда-кудагый болсо болот беле?

- Балким мурда эле кыз соо эместир, бала менен жүргөндүр?

- Ким билет, ошентсе деле көпчүлүк элге шардана болгон кызды мынча кастарлап алганы кызык.

- Эми өздөрү билет да, - дешип шыпшына сөз кылып жатышты.

Эч нерсе менен иши жок Жоомарт бул күнү абдан бактылуу эле. Курманбек ушул саатта уулунун албырып, бактылуу болуп турганын көрүп: "Аттиң, сүйүүнүн керемети, махабаттын ыйыктыгы! Тагдырдын сынагынан чанда адам гана өтпөсө жеңилип берээри бышык, мен Жылдызканга жеткенге кандай гана жан далбас кылдым эле, көрсө сүйүүнүн улуулугу ушунда тура, балдарым бактылуу болсун, уулум өзүн-өзү коргой алат!" - деп ойлоп, Жылдызкан экөө бири-бирин купуя карап тим болду.

Жоомарт ушул күнү бактылуунун бактылуусу болуп отурду, бирок Аделя анын жанында аргасыз элдин жүзүнө тике карап ачылып сүйүнө албады, өз тагдырына нааразы болуп, бактысын талкалаган зөөкүрлөрдү ичинен каргап жатты: кайната-кайненелери келин жүзүнөн өөп, ап-аппак жоолук салып жатканда, ого бетер жүрөгү сыздап: "Ушул үйдүн босогосун таза бойдон аттасам болот эле го, ак жоолукту салынганда, ак жүзүм албырып бактым жанып турса кана, неге арман менен ак босого аттадым, Жоомарт мени аяды го, теңтуштарына эмне деп жооп берет, жараткан мени эмнеге мындай азапка салдың?" - деп ойлонуп суз отурду. Тойго келгендер бака-шака түшүп ырдап, бийлеп жүрдү. Той бүтүп, куда-кудагыйлар машиналарга түшүп, Курманбектин үйүнө жөнөштү. Курманбек кудаларын тай союп коноктоду, алдына акча коюп, кийитти жакшы кийгизип жатканда, Элмира өзү алып келгендерин койду. Эки күн коноктоп, кыз-күйөөлөрүнө бакты-таалай каалап отуруп, анан Бурмакан жуп жөнөөрүндө Аделяга жолугуп, энелик акыл-насаатын айтып турду.

- Кызым, ушунун баары пешене, тагдырыңдын буйругу, көп эле минте бербе, дүйнөдө сен эле бекенсиң, толуп жатат мындай окуя. Жоомарт сени сүйөт тура садага, ошого карата ата-энеси түшүнүктүү болуп калганы буйрук, кызым.

- Апа, жүзүм чыдабай жатпайбы, кайсы бетим менен ушул ак дил адамдардын маңдайында басып жүрөм? - Аделя бетин басып буркурап ийди.

- Кой кызым, ыйыңды токтот, бактыңа тобо кыл, кызым, - Бурмакан кызын сооротуп, жүзүнөн сүйдү, - Ыйлабай башыңды өйдө көтөр!

- Апа-а! - деп болбой ыйлап калды, - Сиз бара бериңиз эми, башыма түшкөн түйшүктү өзүм тарта берем.

- Антпе, кайын-журтуңа тыңыраак бол, бек отур, бош болбой, эне наркын бузбай жакшы жүр, кызым, - деди да Бурмакан ордунан турду, анын жүрөгү жүз жеринен тилине үйүнө жөнөдү.

Аделя үнсүз ыйлап отурганда сырттан куда-кудагыйын жөнөткөн Курманбектер дүпүрөшүп кирип келатканда көзүнүн жашын аарчый ордунан тура калды. Кенен чоң столго баары келип отуруп калышты. Жылдызкан жадырай Элмирага карады.

- Кана эмесе уул-келинибиз үчүн өзүбүзчө бир жакшы бата берели, биз ата-энелербиз, мындан ары да тартынбай келип-кетип тургула, эшигибиз ачык, - дегенде Курманбек:

- Ооба байбиче, балдардын амандыгы биздин бактыбыз, эми чоң үйбүлөбүз. Ратбек, Элмира, экөөңөр келип-кетип катышып тургула, биз бир келип кетчү пенде болгон соң, ушул кыска жашоодо сыйлашып гана өтүүгө акылуубуз, - деп кыздарга карады, - Эже, тамак даярбы?

Аны угуп Айтолкун:

- Даяр, азыр алып келет, - деп ашкана жакты карады.

Курманбек столдун үстүнө катар-катар суусундуктарды вино, арак, пиволорду толтура койдуруп койгон экен. Ратбек менен Элмира бири-бирин карап, жылмайып коюп, анан сен сүйлөбөйсүңбү дегендей Элмира ымдап койду эле ал тамагын кыра:

- Курманбек, ыраазыбыз силерге, мен мындайды жомоктон укпасам, тирүү жанда кез-кезде эле болот, кең пейилдигиңе рахмат, алганың да өзүңө окшоп айкөл адам экен, өткөн-кеткендер үчүн силерден кечирим сурайм, кеч болсо да, - деп ыңгайсызданып турду.

- Ой Ратбек, ал алда качан унутулган, бул кайталанбасын, андан көрө балдардын бактысын, өзүбүздүн ынтымакты сүйлөп отуралы.

- Жылдызкан, - деди Элмира, - Курманбек экөөңөргө көп-көп жетишкендик менен уул-кызыңардын урмат-сыйына татышыңарды каалайм, Жоомарт менен Аделянын бактылуу болушун тилейбиз, ылайым ушул калыбыңардан жазбай, кудайдын жакшылыгына татып жүрө бергиле, - деп Элмира дагы кызаңдай сүйлөдү.

Ал чынында Жылдызкандын бактысына суктанып отурган: "Мен өзүм кылдым, өчөшүп кетпей отуруп алсам, уулум төрөлүп калганда кайда бармак эле, баарына чыдамы жок өзүм күнөөлүүмүн", - деген ойдо аргасыз отурду.

Үй жайы, тойго кеткен чыгымды, кайра кудагыйларга койгон акча, кийиттерди көрүп сынап отурган. Ратбек экөө беш миң сом менен кудаларга алып келген кийиттери эч нерсеге арзыбай калганын өздөрү көрүп, ичтеринен уялып турган. Андан сырткары минтип, өздөрүн кетирбей сыйлап отурушту. Курманбек Ратбекке досундай жадырай карады.

- Кана эмесе, "өзүбек кетип, өз калдык", - дегендей өзүбүзчө боорлошолу, мындан алып коелу, - деди да бокалдарга таза ширеден куюп, рюмкаларга импорт арактардан куйду да алдыларына узатып, - Кана Ратбек, бир жакшы сөз сүйлөп кой, - деди жаркылдай карап.

- Эмесе айланайын Жоомарт, Аделя, - деп Ратбек столдун эң башында отургун Жоомарт менен Аделяны карады, - Кармашкан колуңар ажырабай ылайым жүзүңөрдөн бакыттын гана нуру чачырап турсун, ата-эненин тууган-туушкандын намысына жараган, элдин уул-кызы болуп кө-өп жашап, уул-кыздуу болуп, аман-эсен жүргүлө, - деди колундагы хрусталь рюмканы көтөрө.

- Ылайым бактылуу болушсун.

- Бактылуу болгула, - деп Айтолкун менен Айтурган дагы коштоп баары алып ийишти.

- Рахмат, - деп Жоомарт Аделяны карап жылмайып койду.

Андан кийин Элмирага сөз тийди, ал толкундана.

- Уулум Жоомарт, келиним Аделя, садагаларым менин силерге кааларым дүйнөдөгү болуп көрө элек жакшылыктардын күбөсү болуп, эл керегине жарап, аман-эсен жүрө бергиле, кармашкан колуңар бөлүнбөсүн, - деп келип, көзүнө жаш тегерене түштү, - Биздин бактыбыз, кубанычыбыз силерсиңер! - деп сөзүн бүтүрдү.

- Айтканыңар келсин, ылайым жакшы сөздөр таамай тийип, кудайдын кудурети менен бак-таалайлуу болуп, кол кармашып жүрө бергиле, балдарым, - деп Жылдызкан сөздү улап кетти.

- Мен ушулардын эжеси катары сүйлөп коеюн, кечээтен берки айтылган сөздөр кабыл болсун, иним менен келинимдин келечеги кең болсун, өмүрлөрү узун, өрүшү жайык, уул-кыздын ата-энеси болуп, бизди кубантып, жүрө бергиле! - деп Айтолкун ордунан туруп барып, Жоомарт менен Аделяны бетинен өөп, - Кана эмесе эки баланын бактысы үчүн! - деп рюмканы өйдө көтөрө отургандарды карады.

- Ылайым ошондой болсун!

- Ырыскы шерик жубайлардан болушсун! - дешип алып ийишти.

Ошентип бакылдап отуруп, анан Ратбектер кетмек болушту. Курманбек менен Жылдызкан сүйлөшө калып, аларга көйнөк жоолук кийгизди да Курманбек:

- Биз душман эмеспиз, тууган болуп калдык, балдар турганда дагы далай кездешип, бир дасторкондон даам татабыз. Аз да болсо, көптөй көрүп алып койгула, келип-кетип тургула! - деди Ратбекке сайма чапан жаап:

- Силер менен биздин ынтымагыбыз балдарга сыймык, ошону үчүн силер менен биздин балдарга көрсөткөн тарбия, таалимибиз аба менен суудай керек, аман болгула, - деп Жылдызкан Элмиранын башына чоң ак жоолук салып өөп койду эле, бери жактагылар кол чаап калышты.

- Рахмат силерге, ылайым жакшы сөз, жакшы мамилеңерге таазим, силердей жан чанда гана жаралса керек, - деди Ратбек.

- Ыраазыбыз Жылдызкан, сенден башка болсо, кандай болот эле ким билет, сенин кең пейилдигиңе таазим, эми Рамис үйлөнсө сөзсүз келебиз. Жоомарт балалуу болсо келебиз, иши кылса жолугушууга себептер көп, - деди Жылдызкан менен кучакташып өбүшүп.

Кызуу коштошуп Ратбектер жолго чыгышты. Курманбектер үйгө киришип, эже-жезделерин, Акберметти кайра дасторконго отургузуп сыйлай баштады.

- Эмесе эже-жезде, силер менен эми жай отуралы, боорлошуп сүйлөшөбүз, - дегенде Акбермет:

- Курманбек аке, мен дагы кетпесем болбойт, сиздер отура бериңиздер, Жоомартымдын бактылуу жүзүн көрүп, өзүм бактылуу болуп турам, эне баланын да өзүнчө оокаты болот экен, мени кечиргиле, - деп козголо бергенде, Жылдызкан аны карыдан кармай калды:

- Эл көп болду, тойдо ошондой болот экен, эми мына өзүбүз калдык, жай отуруп жакшылап сый көрүп кет, боорлошобуз эми, - Жылдызкан күлө карады, - Кана макулсуңбу?

- Туура, Жылдызкан туура айтат, биз менен чогуу эле чыгасың, - деп Айтурган аны карады.

- Акбермет, отура тур, Курманбектер сени сыйлап жатканда кетем дегениң болбойт, - деп Кылыч да кошумча болгондо, ал унчукпай калды.

Алардын сөзүн угуп калган Жоомарт:

- Апа, бүгүнчө калыңыз, эртең өзүм жеткирип коем, - деди жанына келип.

- Садага болоюн десе, ушу турган жерге өзүм эле барып калам, убараланба, бүгүнчө калса калайын, - деп Акбермет ага мээримин төгө карады, - Эми Аделя экөөңөрдү конок кылганга камынбасам болбойт.

- Ой Акбермет, ага азыр шашылба, жаз бар, күз бар дегендей эми келиндин себи келет, көшөгөсү келет, дагы далай келесиң, - Курманбек аны карап күлүп калды, - Уулума рахмат, үч апасы, эки атасы бар, бактылуу эле болсун.

- Ооба-ооба, Жоомарт менен Аделя бактылуу болсун, келинибиз ыймандуу, ырыс-кешиктүү, күйөөсүнө, бизге ырайымдуу болсун, - деди Айтурган шакылдай. - Бир кезде Курманбекти жалгыз деп ойлончу элек, эми көңүлүбүз ток, учу узарып отурат, буга Жылдызкандын да салымы бар, ак жолтой келин болду. Аделя кайненесинин камырынан дегендей жакшы келин болсун.

- Ананчы, Курманбекти жалгыз болуп калды деп, сары санаа болуп турчу элек, минтип бала-чакалуу болуп санаабыз тынып калды, буга сөзсүз Жылдызкандын үлүшү бар! - деп Айтурган да эжесине коштой сүйлөдү.

Өздөрүнчө бака-шака болуп, кечке отурушту. Жоомарт менен Аделя өз бөлмөлөрүнө кирип кетишкен, эч кимиси ашыкча сөз сүйлөшпөдү, жөн гана жакшы күндөрдүн күбөсү болуп, дасторкондогу дүйүм тамактан алып, семиз эттен шашлык жасатып келди Курманбек, ал чынында бүгүнкүдөй чечилген эместир. Бакылдап жезделерине арактан куюп, өзү да алып көңүлү көтөрүлүп отурду. Жылдызкан үстөл үстүндөгү ашыкчаларды алып, өзү ашканага кирди да, тамак жасап жаткандарга:

- Жакшы жасагыла, мантыны андан кийин алып киресиңер, - деп кайра чыкты.

Тойдо келе албай калган ата-энеси ошол убакта баш бакты, аларды көргөн Курманбек тура калып алдынан тосту.

- Оо-о атамдар келип калган тура, келиңиздер ата, жакшы келдиңиздерби, айыл тынчпы?

- Баары жайында балам, өзүңөр кандай жакшы жатасыңарбы, тойду жакшылап өткөрүп алдыңарбы? Кечээ келе албай калганыбызды кечиргиле, балдарым, - деп Жамгырбек күйөө баласы көрсөткөн орундукка отура кетти. Жылдызкан болсо көтөрүнчөктөрүн алып, апасын отургузду, Жумабү болсо чарчагандай үшкүрүнүп алды да:

- Тоодон мал келбей кечигип калбадыкпы, кызуусунда келбей калып уят болдук, - дегенде Айтолкун менен Айтурган:

- Эч кабатыр болбоңуздар, мына келгениңиздер ушу да, Куттубектер келбедиби?

- Ооба десең, сиздерге эч ким таарынбайт, - дешип жылмая карашты.

- Кана уул-келин, арнагандарыбызды өз колдоруна тапшыралы, - деп Жумабү чалына карады.

- Азыр, - деген Курманбек экинчи кабатка карай үн салды, - Жоомарт, Аделя, экөөңөр ылдый түшө калгыла!

- Кое тур, өзүм барып алып түшөйүн, кудалардан көрүндүктү өзүм алам, - деп Айтолкун туруп, өйдө көтөрүлдү, ал Аделяга жоолугун ылдый кыла салынтып, - Чоң таятаңар болот, жакшылап жүгүнүп батасын алгыла, - деди да өзү колтуктап түштү.

Аделя жүгүнө ылдый карап келатканда, Жумабү тура калып, жоолугун башына салып:

- Бай бол садага, алганың менен агарып-көгөрүп кошо кары, өмүрүңөр узун, өрүшүңөр жайык болсун, - деп чекесинен өөп, Жоомартка калпак менен костюм кийгизди, - Ылайым бактылуу болгула, айланайындар!

- Бактылуу болгула балдарым, ылайым кем болбогула, эми мен күйөө баламды да куттуктап коеюн, - деп Жамгырбек Курманбекке карады, - Ушу балдардын урмат-сыйына татып, Жылдызкан экөөңөр да бактылуу карылыкка жеткиле, тоюңарга кошумчам бир жылкынын пулу, - деди эле Курманбек.

- Койсоңузчу ата, анчалык эмне кереги бар эле, өзүңүздөрдүн келип бергениңер эле бизге чоң белек, - деп тайсалдап ызаат кыла кайнатасынын жанына келди.

- Бул илгертен келе жаткан салт балам, бар болсо берет мындайда, жок болсо кайдан. Жылдызканым экөөңөргө бербегенде кимге берем?

- Ала кой балам, ушу балдарга үй эмерегин алып бергиле.

- Рахмат ата, апа, - деген Курманбек калың конвертти ала ордуна отурду.

- Элүү миң сом, - деп койду Жамгырбек.

Курманбек кайната-кайненесине атайын арнап кой сойду, кой дегенине болбоду. Кылыч менен кичүү жездеси Урмат арыдан бери койду союп, тамактын түрүн жасашты, Айтурган менен Айтолкун, Жылдызкан болуп Жумабүнүн жанында сүйлөшүп отурушту, казан аякка атайын бир жумадан бери төрт келинди жалдап алышкан, алар жан алы калбай иштеп жатышты, улам аларга кирип баш көз болуп, "андай кылгыла, мындай кылгыла" деген Жылдызкан ишин текшерип коюп жатты. Алар эки-үч күн турушту, Акбермет болбой кол кабыш кыла коюп жүрдү. Ошол күнү баары кайтмак болгондо, Курманбек аларга урмат-сый менен Жылдызкан экөө кийит кийгизип, таттуу-паттууну мол салып берип, анан узатышты. Алар менен бирге эжелери да кетмек болуп "калгыла" дегенине болбой туруп алганда, аларды да таарынтпагандай узатышты. Ошентип келин алуу зыяпаттары бүтүп, өздөрүнчө калды. Аделя баягыдан бир аз көңүлү ачыла кызмат кылууга өттү. Жылдызкан ага:

- Кызым, сен тим кой, эми бизде кызматчы бар, андан көрө Жоомарт экөөңөр окууңарга даярдана бергиле, өксүп калбасын, - деди жылмая карап.

- Мен эми окубайм апа, Жоомарт окуй берсин, мен жумуш жасай берейинчи, - деген Аделя жер карай жооп берди.

- Андай болбойт, мен атаңа сүйлөшүп, сени сырттан окуу бөлүмүнө котортуп коем, окууңду таштайм дегениң болбойт.

- Жо-ок, окубайм.

- Антпе кызым, анын жарасы жеңил, - деген Жылдызкан келинди ийининен ала колунан кармай бөлмөсүнө алып чыкты, - Эми көп эле ойлоно бербе кызым, келечегиңер азыр алдыда, он гүлүңөрдүн бири ачыла элек, - деп бөлмөсүнө киргизип коюп, өзү ылдый түштү.

Аделя өзүнчө кысылган менен: "Кандай жакшы адамдар, эгер башка бирөөлөр болгондо, терс карап кетмек. Буга Жоомарттын мага деген сүйүүсү гана себепкер, ошону түшүнгөн адамдар тура", - деп ойлонуп отурганда, Жамгырбектерди аялдамага жеткирип келген Жоомарт кирди.

- Аделя, сага эмне болду, жаным?

- Эч нерсе.

- Бактылуусуңбу жаным, мага ошону айтчы? - деген Жоомарт аны кучактай көздөрүнө карады, - мага турмушка чыкканыңа бактылуусуңбу?

- Аябай, аябай бактылуумун, Жоомарт! - Аделянын көздөрү төгүлүп кетчүдөй, жашка толо күйөөсүн карады.

- Ырысым десе, эч качан сенин муңайганыңды көрбөйүн ээ?

- Жок, мен муңайбайм, Жоомарт, жүрөгүм гана ичтен сыздап турат, бул менин көкөйүмдү кескен окуянын дабаасыз дарты, аны айыктырууга эч кимдин кубаты жетпес, - деп Жоомарттын төшүнө башын жөлөй шолоктоп ийди, - Сен мени ойлонто койбой дароо үйлөнөм деп шаштымды алдың, балким мага бооруң оорудубу же жөн эле мени алаксытмак болдуңбу билбейм. Мен үчүн сенин жолдош-жоролоруңдун алдында кепке калышыңды каалабайм, Жоомарт, терең ойлонуп чечпедиң…

- Макоо десе, сен мени сүйөсүңбү деги?

- Сүйүүнүн жолун тороп коюшту го, мен аларга же кудайга кандай күнөө кылдым экен, мени бирөөнүн аяп карашын көргүм келбейт.

- Мен сага бирөөмүнбү, Аделя?

- Жо-ок, алдыбызда дагы кандай тоскоолдуктар бар, жүрөгүм сезип турат, ошол тоскоолдукка чыдасаң анда чын сүйгөнүң деп билем.

- Чыдайм алтыным, баарына чыдайм.

- Ыраазымын сага, - деп Аделя соолуктай отуруп калды. Жоомарт ага канчалаган жакшы сөздөрдү айтпады, көңүлүн көтөрүүгө далбастады, бирок Аделя унчукпай калганы менен ичинен түтөгөнү басылбады, арга жок жаңы үйлөнгөн күйөөсүнө жаштуу көзү менен карап жадырай калды, - Мен сага өмүрүм өткөнчө ыраазымын, мен бүгүн дүйнө жүзүндөгү бактылуулардын бактылуусумун, Жоомарт!

- Мен эртең сабакка барам, анан атама кеңешип, сени сырттан окуу бөлүмүнө котортуп коебуз, баары өтүп кетет, жаным.

- Өзүң бил, менин тагдырым сенин колуңда, - деди Аделя ага карай.

Экөө көпкө сүйлөшүштү, анан уйкуга кирди. Бул эки жаштын тагдырында көп бурулуштун алгачкысы эле. Бороонго туруштук бере албаган жаш кайыңдай эчен ийилип, эчен ирээт сынаарын ким билди, бирок дал ушул кезде бактыга тунуп турушту.

Сейитбек менен Бурмакан кыздын себин даярдоого камынып жатышты. Өздөрүнүн колунда деле бар, бирок кудасынын бергени аларды аябай кубантты. Жүз миң сомду коюп, кийиттин жаңысын кийгизишкен эле. Алынын жетишинче жасап жатты, коңшу-колоңун чакырып алып, жууркан-төшөк тиктирип, таңдан кечке кайра бир жагынан каптатып жатты. Бир ай дегенде баарын бүтүп, кудаларына киши жөнөттү. Курманбек дароо эле кайната-кайненесине Жоомартты жөнөтүп, өзү Ратбектерге, эжелерине киши жиберип камына баштады. Сейитбек аялы Бурмаканга жакын туугандары менен карындаш уруктарын кошуп, жети киши келишти. Септи көргөндөр аларга ыраазы болуп жатышты. Ырым-жырымы менен жүк чечип, сандыктарын ачып, ачкандар өздөрүнө тиешелүүсүн алып көрүп, шыпшынып жаткан, алардын сөздөрү Аделянын кулагына шак эте түштү.

- Ой ушундай кылбаганда кантет, Курманбек жүз миң бериптир, тойду ресторанга тосту, башка бирөө калың эмес, албай да коймок, булардын адамгерчилигин кара, - деди бири-бирине шыбырай.

- Баса, мурда эле Жоомарт экөө жатып жүрүшкөн тура.

- Ырас элеби? Капырай, азыркы кыздарга ишенип да болбойт экен го, зымырайып жүрүп эле, аялуу жерин көзөтүп алса…

- Замандын өзгөргөнү да, жеңе, болбосо зордукталган кызды кайсы жигит алчу эле?

- Болду эми, бирөө угуп калбасын, эмне болсо да жаштар бактылуу болсун, бизге ысык-суугу жок, өздөрү билишет да, - деп кайра бири-бирин басып калды.

Аделянын ызадан көзүнө жаш толо төркү бөлмөгө кирип кетти. Куда-кудагыйлар конок бөлмөсүндө, бака-шака болуп жатышты. Жоомарт сыртта конокторго кам көрүүгө каралашып жүргөн. Аделя өзүн-өзү сооротуп, көз жашын аарчый кайра жумуш жасоого киришти. Келген эл, туугандары Сейитбектин кызына септи жакшы алып келгенине ыраазы болуп, мактап жатып калды. Ошентип кудасын сыйлап келген элге бир сыйрадан кийит коюп, узатып чыгышты, конок шааниси кылып, сырттан дагы рюмкаларды толтуруп куюп:

- Кана кудагыйлар, аттанаар аяктын кезегин кудагыйыма сунайын, - деген Жылдызкан оолжуй Бурмакандын колуна рюмканы бергенде, бири салат камдады.

- Мен эми эмне дейин, кыз-күйөөмө бак-таалай, ырыскы, бак-дөөлөт менен бирге кармашкан колдору ажырабай, ылайым бак карап, кыдыр даарыган үйбүлөдөн болушун каалайм! - деди да Бурмакан алып ийди.

- Рахмат кудагый, айтканыңар келсин.

- Кел эми, кудачага куй, - дешип кызуу немелер бийлеп жатышып, анан машиналарга отуруп жөнөп кетишти.

Курманбек менен Жылдызкан чарчагандай эле болушту. Келин көргөндөрдүн али аягы суюла элек, бир жагы кадыр-барк, бир жагы жакын санаалаштары угуп алып келип жатышты. Ашыркул абдан картайып, жалгыз тамда жатып калганын Рамис айтып келди, бири-бирин карап калган жубайлар көпкө унчукпай турду да.

- Эмне кылыш керек? - деди Рамисти караган Курманбек.

- Билбейм ата…

- Карылар үйүнө тапшырып коюш керек го? - Жылдызкан күйөөсүн карады, - Жакын туугандары да жок болуш керек эле…

- Жакыны деле жок экен, абалы оор, менин колумдан эмне келет, эгер тамак аш болсо да, карап багып турат элем, - деп Рамис жер карады. - Пенсияга деле чыкпаптыр, кыздары кайда экенин да билбейм.

- Капаланба уулум, бир эсебин табаарбыз, - Курманбек ойлуу ордунан турду, - Сен эртең бар дагы жанында бол, мен барып калам.

- Сиз… - Рамис элейе Курманбекти карады, - Сиз барасызбы?

- Эмнеге барбайм уулум, апаң азыр эч жакка баралбайт, жакын арада көз жарат, болбосо экөөбүз тең бармакпыз, сен бар да, мени күт.

- Макул ата, - деп Рамистин балалык сезими атасына ыраазы болуп, апасын карады, - Апа сиз мени кечиресизби?

- Эмнеге балам, сенин кайсы күнөөңдү кечирем?

- Деги да, атамдын кадырына жетпей өз атамды таап алганымды кечиргилечи ата, апа?! - деп башын жерге сала отуруп калды. Рамисти эртеси эле айылга жөнөтүштү да, тамак ашты мол кылып алып, Курманбек өзү анын артынан эки күндөн кийин барды. Колу-коңшусу менен бир ээр туугандары кирип-чыгып жүрүшкөн, Курманбекти көрүп карап калды. Сакалы жайкалган бакубат карыяны көрө Курманбек салам айтты.

- Ас-сало-ому Аллейкум аксакал!

- Ал-леким Салам, кел уулум, бу кайдан, кандай жумуш? - Аксакал карыя аны түкшүмөлдөй карады, - Доктур окшойсуң, уулум?

- Жо-ок аксакал, Ашыркул атаны көрөйүн деп эле келгем.

- Аа-а, жакшы экен анда, ал бечара азыр мусапыр болуп турат, жалгыз баласы өлгөндөн кийин көрбөгөнү көр болду, - деп ал Курманбекти үйгө ээрчитип кирди. Курманбек үй ичин көрүп, бир топ ирээнжиди: "Жашаган үйү ушул болсо, оорубай коймок беле, үйүмдү ээлеп калат деп коет, Рамис ушул үйгө кантип жашап, кантип үйлөнөт", - деп ойлонгуча Ашыркул жаткан бөлмөгө кирди, көргөн көзүнө ишенбей турду, Рамис аны көрө коюп:

- Ата, келдиңизби? - деп тура калды.

- Келдим уулум, келбей анан, - деп төшөктө жаткан оорулуунун үстүндөгү кир, эскилиги жеткен төшөгүн көрүп, ого бетер жаман абалда тизелей калып, - Ашыркул ата, ал-акыбалыңыз кандай? - деди колунан кармай. Көзүн зорго ачып, башын бери бурган Ашыркул карыя таанып-тааныбай.

- Жакшы, - деди алсыз, - Сен кимсиң, уулум?

- Мен Курманбекмин ата, акыбалыңызды көрөйүн деп келдим, доктурга алып барайынбы?

- Ээ балам, доктуруңа барбайм, келгениңе ыраазымын, Рамисти эле адам катарына кошуп койсоң болду айланайын, ушул үй, жер-суу ушунуку, адам болуп алса, журтубуз ээн калбас, - Ашыркул карыя ыйлайын деп ыйлай албай, көздөрү соолгон булактай жылтырап зорго сүйлөдү, - Өлсөм ыраазы, небереме аталык мээрим төгүп, өз балаңдай өстүрүп жатканыңа.

Угуп тургандар бул зыңкыйган жигиттин ким экенин эми гана билип, унчукпай тымтырс болуп калды.

- Айтканыңызды орундатам ата, кам санабаңыз, - деген Курманбек кайра сыртка чыкты да машинадан коробкадагыларды түшүрүп, үйгө киргиздирип койду да Рамиске, - Уулум, азыр сени менен сүйлөшөйүнчү, - деди да сыртка алып чыкты, - Мен азыр сага акча таштайм, үйдүн ичин актатып ремонт жасат, чоң атаңды мен ооруканага алып кетем, - деди.

- Макул ата.

- Ошент уулум, ооруканага дарыланса жакшы болуп кетет, ага чейин сен усталарды таап, жакшылап ремонт жасат, - деди да үйгө кирип, жанындагыларга карады, - Аксакал, бул кийимдерди кийгизип коюңуздар, мен ооруканага алып барып көрсөтөйүн.

- Болуптур балам, эмнеси болсо да атанын баласы экенсиң, карыпты өйдө көтөргөн адам асты сооп гана табат, көп жаша балам, - деп аксакал карыя аны алкай Ашыркулдун кийимин чечинтип, жаңы кийим менен көйнөк ыштанды кийгизип койду, - Ашыркул, өз балаңдан айтпаса, жакшы адамдан айтыптыр, тур эптеп, ооруканага бар, - деди аны жөлөй.

- Кыйналып калбасам болду го, өлөөрүмдө ийне сайдырбай эле үйдө жатайынчы, - деди Ашыркул алсыз.

- Жок ата, минтип жата берсеңиз болбойт, Рамис үчүн дагы көпкө жашашыңыз керек, - деп Курманбек мээримдүү жылмая карады, - Мен атамдан жашымда калып, жакшы да билбей калдым, сиз мага атамдай элесиз, жүрүңүз кеттик, - деп бир жагынан колтуктап алып чыкты да, машинасына отургузуп, жөнөп кетти.

Карыяны көргөн врач ага:

- Денсоолугу начарлаганы тамак аштан болуптур, эч жеринде дарт жок, жакшылап караса, бу киши дагы көп жашайт, - деди күлө.

- Ошондой эле болсун, жакшылап карап койгула, мен эмки жумада келем, - деп колуна көк жашыл акчаны карматты, - Бул дары-дармегине, жакшы калыңыздар, - Курманбек кайра Ашыркул жаткан палатага кирди, - Тынч жата бериңиз, өзүм келип алып кетем, жакшы болуп кетесиз.

- Ыраазымын айланайын, ата-арбак жар болсун.

- Жакшы болуп кетиңиз, - деди да чыгып, Рамиске жолукканы кетти.

Келсе Рамис үй ичин чыгарып жаткан экен, ага акчаны бергенден коркту: "Бала неме жоготуп же бирөө бирдеме кылып койбосун, акча жаман болчу эле", - деп ойлоп керектүүсүн алып келип, жумушчуну да өзү сүйлөшүп устаны салып коюп, Рамисти ээрчите кетти. Тамак ашты усталарга берип:

- Буларды ичип тургула, кандай эрте бүтсөңөр ошондой акыңарды аласыңар, - деп жөнөй берди.

Рамис ичинен атасынан уялып турду: "Мен ушул кишинин кадырына жете аламбы, өз атам көп иччү экен, мени жакшы бага алат беле же ким билет, чоң атамдын барганын айтпай баса бергеним уят болуптур, ушундай көлдөй адамга кара санабай калайын", - деп ойлонуп баратты.

Бир жумада Ашыркул абдан тыңып калды, басса-турса Курманбекти алкаганы алкаган. Курманбек болсо, карыянын эски төшөктөрүн өрттөтүп, бүт жаңы төшөктөрдү алдырып келди, үйдүн ичи-тышын жаркыратып ремонттотуп заңгыратып койду да, Жылдызканды ала келип, Ашыркулду ооруканадан чыгарып үйүнө алып келди. Ашыркул үйүнө келгенде, өз үйүн тааныбай калды:

- Балам, бул биздин үй эмес, адашып калдың го? - деп Курманбекти карады эле ал жылмая.

- Жүрүңүз, бул сиздин эле үй, - деди да колтуктай үйгө алып кирди.

Анын келгенин көргөн колу-коңшулары бир-бирден келип ал абалын сурап жатты. Жылдызкан боорсок жасап, келгендерге чай коюп жатты.

- Айланайындар, өз уулумдун көзү тирүү болгондо да мындай кылат беле жокпу ким билет. Мен ыраазы, кудай ыраазы балдарым, эки дүйнөдө тең ыраазымын, - деп Ашыркулдун көзүнүн жашы жүзү ылдый куюлуп турду. Анын көз алдында бөтөлкөнү кармап өлүп жаткан Бегиш келип: "Курган балам, тирүү болгонуңда кандай болот эле билбейм, Рамиске ушул жигит берген тарбияны бере алат белең, мени кастарлап багып алууга кудуретиң жетет беле, ким билет?", - деп үнсүз отурду. Бул окуяны уккан Ашыркулдун бир тууганынын балдары намыстана, бир кой союп алып, жетип келишти. Уларбек абдан бай турган менен убагында Ашыркулду үйүнө киргизбей койгон эле. Эми келип:

- Ооруп жатам деп айтып койбойт белеңиз жарыктык, кол бошобой тиричилик деп жүрүп… - деп Ашыркулга таарына кетти.

Ашыркул ушул ирээт айткысы келди, бирок чоочундардын көзүнчө аны сындыргысы келбеди: "Мейли, кокус өлүп калсам акыры ушулар көмөт", - деп акырын баш көтөрө ойлуу инисин карады:

- Оору айтып келбейт тура, мына бул Курманбек балам болбогондо, тигил дүйнөнүн босогосунда турдум эле…

- Кой эми Ашыркул, өткөндү козгобо, көрөөр күнүң бар экен, эми мына бул небереңдин чайын ич, - деди аксакал карыя, - Рахмат, уулум атанын баласы экен, мындай адамдардан чанда чыгат, бармактайында Рамисти баккан үчүн ага аталык милдетин кылып, сени кошо минтип карап отурат, келиниңдин да боюнда бар экен, ак батаңды бер балдарыңа.

- Балдарым, ылайым толгон аягыңар бөксөрбөй, бактыңар бийик болуп, көп жашагыла, уулдуу болуп кубанычыңарга кубаныч кошулсун, бактылуу болгула, оомийин! - деп Ашыркул алакан жая бата кылганда калгандары дагы колдорун жүзүнө алып барып:

- Кудай жалгасын.

- Ишиңер оңолсун.

- Бала-чакаңардын урмат-сыйын көргүлө, - дешип бата беришти. Курманбек отургандарды карап ийиле.

- Айтканыңыздар келсин, мен болгону адамдык парзымды аткардым, ыраматылык апам: "Уулум, жыгылганды жөлөй жүр, кемчилге колуңдан келсе жардам бер, ыйлаганды соорот, ачка калганды көрсөң жарты наның болсо да бөлүш", - дечү эле, бул менин апамдын айткан керээздерин гана аткарганым болсун, эми биз кайталы, - деп ордунан турду да, - Сиздерден бир өтүнүч, Ашыркул атага өзүңүздөр ылайыктап аял алып берип койсоңуздар жакшы болот беле? - деди, - Бул менин оюм гана, калганын өзүңүздөр билесиздер!

- Байке, отуруп тамак ичип кеткиле, жеңем экөөңөргө чоң ыраазычылык, мындан ары акемди минтип жалгыз калтырбайбыз, - деди Уларбек.

- Биз шашылышпыз. Рамис силердин да, менин да балам, ошондуктан биз бир тууганбыз. Отурганда эмне, баралы.

- Жо-ок отургула, биздин сыйыбызды Рамис үчүн көрүп кеткиле, сиз тарбиялаган инимдин кадыры үчүн, - деп болбой Уларбек суранганда отургандар дагы:

- Туура айтат балам, отуруп даам татып кеткиле, - деп калышты эле Курманбек менен Жылдызкан унчуга албай калышты.

Ал күнү алар эт бышкандан кийин гана дасторкон жайылып эт алып келишти, эч кимиси ооз ачып, ашыкча сүйлөбөдү, тек Курманбекке суктанып, сыйлап отурушту. Кеч кирип калганда жолго чыгышты, ошол күнү жолдон эле Жылдызкандын толгоосу кармап, шашылыш төрөткана издеп эптеп жеткирди. Эртеси түшкө жакын Жылдызкан кыйналып жатып зорго төрөдү, зорго жатып:

- Балам кандай, жакшы элеби? - деп сурады алсыз.

- Кабатыр болбоңуз, денсоолугу таза, уул бала экен, - деп акушерка оролгон наристени маңдайына алып келди, - ойлонбой жатыңыз, эртең жаныңызга алып аласыз.

- Рахмат, - деп көзүн жумганда, сестра чоочуп кетти.

- Жамгырбекова, эсиңизге келиңизчи, - дегенде Жылдызкан.

- Мен жакшы элемин, уйкум келип турат, - деди.

- Ошондой болсун, коркуп кеткенимчи, - деген сестра анын үстүн жылуулай ары басты.

Ошол күнү Курманбек кеч келди, аны менен бирге Жоомарт, Аделя, Рамис болуп чогуу келишти. Алар кубана наристени өөп, анан кайра сестрага берип, Жылдызканды тегеректеп отурушту.

- Кандай, өзүң жакшысыңбы? - деди Курманбек.

- Жакшы элемин.

- Көп ойлонбо, буйруса эки күндөн кийин үйдө болосуңар.

- Атамдарга барып кел Жоомарт, апам келип жардам берип карабаса, кыйналып калам го?

- Апа, мен өзүм эле карайм сизди, - деди Аделя ага эңкейип, - Кары кишини убара кылбай эле коюңуз.

- Баары бир келет да кызым, сен окууңдан каласың.

- Жоок, сизди карайм, - деп акырын айтканда Жоомарт:

- Сен экөөбүз баары бир карайбыз, таятамдарга сүйүнчүлөш керек да, мен эртең барып келем, - деп Аделяны жонунан таптады.

- Садага болоюн десе, силер азыр баласыңар да, баланы да карай албайсыңар, - деп Жылдызкан мээримин төгө экөөнү карады.

- Кой эмесе жакшы жат, биз кетели, тамагыңды ысыгында ич, - деп Курманбек аялын эңкейе жүзүнөн сүйө палатадан чыкты.

- Жакшы жатыңыз апа, - деп Аделя дагы өптү.

- Жакшы жат апа, буйруса эртең менен эрте таятамдарга сүйүнчүгө барам, - деген Жоомарт дагы өөп коюп, жөнөй беришти.

- Ай Жылдызкан, сен абдан бактылуу аял экенсиң, канча балаң бар? - деди алар чыгып кетээри менен чогуу жаткан аял.

- Ушул уулум төртүнчүсү, - деп Жылдызкан жылмая колтугунда быйтыйып уктап жаткан наристени өөп койду.

- Канчадасың?

- Кырктамын.

- Кыркында кыз төрөсө төрөттөн калат деп коюшат го, сен дагы төрөйсүң го?

- Кудайдын бергенине шүгүр курдаш, аман болушса болду.

- Ооба-ооба, туура айтасың, - деген тигил аял унчукпай калды. Жылдызкан дагы өз оюу менен алек болуп көпкө жатты да, эстей калып:

- Оо-ой, унутуп калганымды кара, келгиле тамак ичип алалы, - деп тура калып, тамакты ортого коюп жанындагыларды карады.

Семиз койдун этин салып алып келген тамакты, тамшана ичип отурушуп, анан бата беришти.

Ошондон эки күн өтпөй эле Жылдызканды үйгө чыгарып кетишти. Курманбек өзү абдан токтоо болгондуктан, сүйүнүчтү толкунданбай эле тосту: "Кудайга шүгүр, сүйүп алган жарымдан балалуу болдум, ушулардын келечеги кең болсун, жарыма денсоолук берсин, жалгыз бала элем, минтип үйүм толуп турат, тобо кылам", - деп ойлонуп алды. Ал ушул кезде жашоосу ушул эле бойдон тынч жашоодо өмүр сүрөм деп ойлогон, бирок бул тагдыр дегениң табышмак да, кай күнү өзүнүн катаалдыгын көргөзүп, жүрөк үшүткөн окуяга туш кылаарын ал сезбеди, тек бүгүнкү май көл, сүт көл жашоосуна ыраазы.

Курманбек уулунун атын Кубаныч койду, жашым өтүп баратканда, мага кубаныч тартуулады деп, эл чакырып, бешик той берди. Жылдызкан саал ооруп, апасын жанына алып калды. Ордунан тургузбай Жумабү карап жатты. Ай айланганда Жылдызкан зорго жакшы болуп ордунан турду, өңү азгын, арыктап кеткен. Кетээринде Жумабү:

- Эми этиет бол кызым, муздак сууга колуңду салба, мен келип турам, - деди ага.

- Апа, эми жакшы болуп калдым, - деп Жылдызкан апасын жайгара узатып чыкты, бир топ эле тыңып калган. Кычаштанып Кубаныч да абдан ыйлаак болду. Түнкүсүн Курманбек алып көтөрө коет.

Ошентип ал жакшы болуп калганда, алардын үйүндө өзгөрүү боло баштады. Жоомарт курсташтары менен тоого чыккан, чогуу отуруп түштөнүп жатканда, Аэлита деген кыз ага жакын келип отурду да:

- Жоомарт, айланаңды карачы, кандай жакшынакай кыздар отурабыз, сенин көзүңдү туман басып, бизди көрбөй, кайдагы бир кордолгон кызга үйлөндүң, - дегенде Жоомарт ага жаман көзү менен карап.

- Аэлита, мен аны сүйөм, кордолсо эле таштап коюш керекпи, сен андай дебей жүр, - деди орой.

- Чынында ал сенин теңиң эмес болчу, бекер ага үйлөндүң, - деп Акинай чыкты арытан.

- Бүгүн бул жерге менин жашоомду териштиргенге келдик беле же көңүл ачканыбы? - Жоомарт ачуусу келе айланта карады, - Давай, мени тынч коюп, өзүңөрдү билгиле.

- Жо-омарт, сени сүйүп жүргөн бирөө бар, - деп Аэлита көзүн сүзө ага жылмайганда Акинай:

- Ал сага деп акактай таза нерсесин камдап жүрөт, - деп каткырып алды.

- Тамашаңарды койгула кыздар, мен Аделяны чын жүрөгүм менен сүйөм, аны эч кимге кордоткум келбейт! - деп Жоомарт тура калып, машинасына отура бергенде, баятан бери унчукпай отурган Гүлира деген кыз жете келип:

- Мен үчүн кетпей кое тур эми, башкасына таарынсаң да, менин шагымды сындырба, - деди эшигин жаптырбай.

- Сен мага кимсиң, курсташ болсоң өз сыйың менен бол!

- Жо-омарт, мен сага таптаза актыгымды сактап жүрсөм, сен мени эмнеге карабайсың, сени кандай сүйөөрүмдү да билбейсиң.

- Кереги жок мага сенин сүйүүңдүн, - деген Жоомарт жиндене машинасын от алдыра ордунан булка айдаганда, кыздын көйнөгү эшикке кыпчылып сүйрөлүп кетти, күзгүсүнөн көргөн Жоомарт коркуп кетип, тормозду тээп, токтотуп ачып ийип, көзү караңгылай жыгылып түштү, кыздын буту-колу арткы дөңгөлөккө тебеленип, башы кызыл жаян болуп жерде жаткан. Балдар жүгүрүп келип, экөөнү тең машинага салып, ооруканага жетип келип, кызды жаткырып болгондон кийин гана Жоомарт эсине келди.

- Гүлира кандай, аманбы? - деди көзүн ачаары менен.

- Али билине элек, буттары таптакыр жарабай калган го?

- Кантип? - деген Жоомарт коркуп, кайрадан өзүн жоготуп койду.

Ошентип, Гүлиранын бир буту кесилип, бир бутун гипске салышты. Анын атасы жок, апасы бар эле, ыйлап-сыктап ооруканада жүрдү. Жоомарттын эки досу ага жан тартып, көңүлүн көтөрө сүйлөп жанында болду, аны ошол күнү эле милиция камап койду. Бул окуяны угаары менен Курманбек жетип келди, кызды көрүп ага жардам бермек болду. Акыры териштире келгенде, баягы Аделяны зордуктаган балдарды дал ушул Гүлира, Акинай менен Аэлита үчөө атайын уюштурган болуп чыкты. Бир аз эсине келген Гүлира ыйлап отуруп, өзү айтып берди.

- Мен өзүм күнөөлүүмүн, кудайдын каарына калдым, Аделяны биз атайын зордуктатканбыз, - деп жатканда Аделя аны көрмөк болуп кирип келаткан, ал Жоомарт үчүн кечирим сурамак.

Уккан кулагына ишенбей, көзү караңгылай босогодо туруп калды. Сурап жаткан милициянын сержанты Акбар Тойчиев:

- Эмне үчүн ага андай жамандык кааладыңар? - деди акырын.

- Аэлита менен Акинай менин курбуларым, бирге окуйбуз, менин Жоомартты сүйгөнүмдү билет, анан ал мага такыр көңүл бурбай койгондо, ойлоп тапканбыз, - деди Гүлира ийин кага.

- Эми үчөөңөр тең жоопко тартыласыңар, Жоомарт сен үчүн камалат.

- Жок-жок, Жоомартты камабагыла, мен анын адамгерчилигине таңдандым, мен ага док кылбайм, машинага өзүм жабышкамын.

- Баары бир сен жарым жан болуп калбадыңбы, жоопкерчилик болуш керек, ал күнөөлүү.

- Андай болушу мүмүкүн эмес, ал күнөөлүү деп эсептебейм, биз өзүбүз күнөөлүүбүз, - деген Гүлира ыйлап отуруп, - Бериңизчи кагаз, ручка, мен "догум жок, күнөө өзүмдө" деп жазып берем, - деди.

- Болуптур, жазып бер, - деген Акбар Тойчиев кагаз, калем сунду. - Кийин кайрадан арызданбайсыңбы?

- Жок, эч качан, - деди да кыз жазып бере салды.

Курманбек бул кабарды угуп кубанганы менен Жоомарттын жүрөгү тызылдап, Гүлирага боору ооруп жатты: "Түбөлүк майып болуп калды, мени сүйөм деп асылып өзүнөн кетти, шайтан кыз ай", - деп кейип үйүнө келди. Аделя кыздардын өзүнө кара санаганына жини келип жүрдү: "Кыз болуп туруп, ушундай боору таш, кара ниет болот экен да", - деп ойлонуп, же табалай албай, же урушаарын билбей үйүнө баса берди. Гүлираны тойдо көргөн, Жоомарт үчүн кечирим сурап коюуга барган эле.

Гүлбү ыйлап-сыктап милиция кызматкерлерине барды, бирок ага Гүлиранын жазган арызын көрсөтүп:

- Биз эч нерсе кыла албайбыз, кызыңыз өзү ошого кайыл, - деди.

- Кантип, жыйырма эки жашында бир бутунан ажырап калса, ошого кайыл бекен?! Мен арыз жазам анда, - деп Гүлбү болбой ыйлай берди.

- Кызыңыз менен сүйлөшүп көрүңүз.

- Ал акылынан айнып турат азыр, балким баланын ата-энеси келип, коркутуп кеткендир?

- Андай болушу мүмкүн эмес, эч ким бара электигин врачтан сурадык, дагы кылдаттык менен изилдейбиз го?

- Изилдегиле балам, чырактай кызымдын майып болуп калышы менин жүрөгүмдү эзип отурат, мен кеттим, - деди да чыгып кетти.

Гүлбү шашыла ооруканага жөнөдү, шашып кирип барса, анын жанында Курманбек отурган, аны тааныбагандыктан, жал-жал карай кызынын жанына келди. Апасын көрөөрү менен Гүлира:

- Бул менин апам, таанышып коюңуз, - деди башын көтөрө.

- Саламатсызбы? - Курманбек тура калып баш ийкеди.

- Оой сиз…

- Ооба-ооба, мен дагы сизди тааныдым, бирге окубадык беле, сиз Гүлбүсүзбү? - деген Курманбек колун сунду.

- Кызык, канча жылдан кийин жолугушуп… - деген Гүлбү колун суна ыңгайсыздана туруп калды, - Бул жерде сиз кайдан жүрөсүз?

- Апа отурсаңыз, мен өзүм түшүндүрүп берем, - деп Гүлира шашып кетти, анын бир буту асылуу турган, башы таңылуу, - Сиз ачууланбай эле туруңуз.

- Кызым, эмнеге ачууланмак элем? - Гүлбү кызын түшүнө бербей карап калды.

- Гүлбү, биз кызым экөөбүз сүйлөшүп бүттүк, эми дагы келем, силер сүйлөшө бергиле, - деп Курманбек жөнөмөк болду, - Мен дагы келем, кызым.

- Жакшы барыңыз.

- Жакшы барыңыз, - деп эне-бала узата карап калды. Курманбек сыртка чыгып, кеткенден кийин Гүлбү Гүлирага карады, - Бу киши эмнеге келиптир?

- Апа, мен өзүм бу кишинин баласынын машинасына илинип калгам…

- Эмне-е?

- Ошондой апа, сиз мени түшүнүңүзчү.

- Эмнени түшүнөм, ыя?!

- Мен Жоомартты сүйөм, ал башкага үйлөнүп алды, - Гүлира ыйлай баштады.

- Ыя, сүйөм дейсиңби, Курманбектин баласынбы? - Гүлбү эмне кылаарын билбей делдейе туруп калды: "Бул кандай табышмагың жараткан, мен дагы дал ушул жигитти өмүр бою сүйүп, өмүр бою күтүп жашап келе жатам го?! Гүлира анын кызы эмес беле, кудай сактап, баласы карабай койгону жакшы болгон экен, кокус үйлөнүп алса эмне болот эле?" - деп дендароо болуп туруп калганда, Гүлира аны түрткүлөп жаткан экен.

- Апа, сизге эмне болду?

- Аа-а, ойлонуп кеткен турбайынбы, - деди да Гүлбү кызына көз токтото карады, - Кызым, сен эмнеге доо арыз жазбадың?

- Апа, кереги жок.

- Эмнеге?

- Жөн эле…

- Абалыңды көрүп, өмүр бою жүрөгүм сыздаар, сенден башка бир жакыным дагы жок кызым, жалгыз таянаарым деп, сени медер тутуп, жашап келем, жашыңда жарым жан болуп калганыңды көрүп, эзилип турам го, кызым, - деп Гүлбү буркурап ыйлап жиберди, - Мына бир айдын ичинде өзүмдүн ким экенимди да тааныбай баратам…

- Апа, күнөө өзүмдө, бул каргашага эч ким күнөөлүү эмес, машинага өзүм жармашкамын, көйнөгүм илинип калып, ушундай болду, - Гүлира дагы ыйлап жатты.

Гүлбү башка эчтеке дей албады, көз жашын аарчый: "Мен сөзсүз Курманбек менен сүйлөшүшүм керек, ал кызынын бар экенин да билбейт, ага мен айтышым керек", - деп ордунан тура калганын өзү байкабай калды.

- Апа, кетесизби?

- Азыр келем, - деп сыртка шашыла чыга калганда, аны баятан бери күтүп турган Курманбек утурлай басты.

Аны көрө калып, Гүлбү буту шилтенбей турган ордунда селдейе катып калды: "Бул эмнеге турат, кеткен эмес го, эмне деп айтам, кантип түшүндүрөм?" - деп ойлонуп, көзүнө жаш толо туруп калган Гүлбүнүн жанына келген Курманбек:

- Гүлбү ал-абалың жакшыбы, мен кечирим сурайм, - деп туруп калганда:

- Эмне, кечирим дейсиңби, эмнеге кечирим сурамак элең, эмне…

- Гүлбү, жүрү мындай чыгып сүйлөшөлүчү, - деп Курманбек аны колтуктан жеңил ала калып, сыртка карай басты.

Гүлбү эчтеке дей албай үнсүз анын жетегинде кетип жатты, өзүн жоготуп койгондой анын башына эч нерсе кирбеди, ал ким менен, кайда баратканын да сезбеди, ойлору алда кайда кетип качанкы болгон окуяны эстеп жатты…

Курманбек менен Гүлбү экөө эки бөлөк курста окуучу, Курманбек айыл чарба институтунда, Гүлбү медучилищада. Гүлбү курбусу Алтынай менен көчөдө келе жатып эле, Курманбек менен таанышып калышкан. Мурун Курманбек Алтынай менен тааныш болчу. Ошентип, экөө кез-кезде жолуга калып жүрүшкөн болчу, анан эле Курманбекти апасы чакыртып алып, үйлөнтүп койгонун ал билбей кайрадан жолуга башташкан. Бул кыска убакыттын ичинде болуп өткөн окуя эле… Гүлбү анын үйлөнгөнүн билбей сүйлөшүп жүргөндө, Курманбек аны өзү жашаган батирге ээрчитип келет, экөө сүйлөшүп отуруп, кеч кирип кетип түнөп калды. Ошол күнү экөө бири-бирине сүйүүлөрүн билдирип, бирге өмүр сүрүүгө сөз беришет. Ыйлап-сыктаган Гүлбүнү Курманбек сооротуп.

- Гүлбү, мен сага үйлөнөм, эч кимге билгизбе, жайкы каникулда сөзсүз алып кетем, - деп жатты.

- Курманбек, мени уят кылбайсыңбы, менин эч кимим жок, ата-энем жашымда өлүп калган, балдар үйүндө өстүм, мындайраак таеже-тайкелерим келип кетип турат. Чынында мен үчүн күйөөрүм деле жок, сага гана ишенем, - дейт көздөрүн жашылданта Гүлбү.

- Ишен мага, сөзсүз сага үйлөнөм, чыдай тур.

- Алдап кетпейсиңби?

- Эч качан, - деген Курманбек аны кучагына кысып алып ойлонуп жатты: "Туура болгон жок, эгер аялымдын бар экенин билсе, байкуш кандай абалда калаар экен", - деп ойлонуп көпкө отурушту.

Ошондон кийин Гүлбүнү кээ-кээде батирине алып келип жүрдү, бирок ага деген сүйүүсү жок эле: "Элмирага караганда муну жакшы көрүп баратам, балким сүйүп калгандырмын, эми барсам Элмирага ачык айтам да, кетирип Гүлбүгө үйлөнөм", - деген чечимге келип калган. Бир күнү Курманбек менен турганын көргөн курсташ кыз аны жатаканага чакырып алды. Гүлбү Курманбекти жөнөтүп коюп, бөлмөсүнө кирсе:

- Сен жинди болдуңбу? Анын аялы бар, күздө апасы болбой үйлөнтүп койгон, мен анын коңшусу болом, - деди Айшакан ага жиндене, - Эркектер ошондой уяты жок болот, аялы турса кыздардын башын айланта берет.

- Айшакан, сен эмне деп жатасың, Курманбек мага үйлөнөм деп жатпайбы, аялы болсо антпейт болчу.

- Жо-ок Гүлбү, сенин көзүңдү тумандатып коюптур, менден жакшы билбейсиң, биз жакын коңшу турабыз, үйлөнгөнүн эң жакшы билем, ушундайда көзүңдү ач! - деп Айшакан ага катуу айтты.

- Ишенбе-ейм, ишенбейм сага! - деген Гүлбү керебетке үстөмөнүнөн түшүп, солкулдап ыйлап жатты.

- Сен ага жолугуп чындыкты өзүнөн сура, мен сени капалантмак турсун кийин өкүнүп калбасын деп жатам, жакын курбумсуң, - деген Айшакан күнөөлүүдөй жанына отурду, - Жолугуп сурап көр, эгер калп десе, мен жашынып турам, бетине коюп берем.

- Макул, эртең келсе сөзсүз чындыкты билем, - деди да Гүлбү ойлонуп жата берди.

Таң да атты, түш болду, сабагынан келген Гүлбү Курманбекти күтүп жатты. Терезеден карап турган Гүлбү Айшаканга белги берди да, акырын чыгып жолугуп, сүйлөшүп турду.

- Гүлбү, эмне капалуусуң, мындай эмес элең? - деди Курманбек ага гүлүн кармата.

- Сен кимсиң өзү, алдамчылыгыңды жашыргың келеби менден? - деген Гүлбү анын көздөрүнө тике карады, - Чындыкты айткын мага, ошол чынбы?! - дегенде Курманбек андан көзүн ала качып:

- Мени түшүнчү Гүлбү, аны кетирем, сага үйлөнөм, сага айтам деп, айта албадым… - деди жер карай.

- Акма-ак, алдамчы! - деп артына кайрыла жүгүрүп кетти, ошол бойдон ал жолукпай койду.

Курманбек келсе да жок дедиртип коюп, акыры ал окуусун бүтүп, кайсыл бир районго иштеп кетти.. .

Гүлбү: "Неге ошондо жакшылап сүйлөшпөдүм, сөзүн укпадым?" - деп ойго чөмүлгөндө Курманбек аны машинасына отургузуп жөнөп кетти. Экөө ээн кафеде отурушту. Дале өз оюн жыйынтыктай албай жатты Гүлбү:

.. . Арадан үч ай өткөндө, өзүнүн боюнда бар экенин билди, Курманбекти издеп таппай калды. Аргасыз таежесиникинде жүрүп, иштеп төрөп алды. Ошол бойдон күйөөгө да тийбеди.. .

- Гүлбү, кандай тамак ичесиң? - деген Курманбектин үнүнөн селт этти ал.

- Ыя?

- Өзүң менюну карап, жактырганыңды айтчы, - Курманбек аны жылмая карап турган экен, - Көп капалана бербе, Гүлбү, мен сөзсүз жардам берем, өзүңдү сакта.

- Мага баары бир, эч нерсенин деле кереги жоктур…

- Ошо кантип болсун, тамактанып, бир аз сүйлөшүп отуралы.

- Сүйлөгөндө…

- Гүлбү, жолдошуң барбы?

- Жок.

- Чыктың беле?

- Кайда-ан, ушул кызды багам деп жүрүп, баарына кол шилтеп койгомун, Курманбек…

- Кызыңдын атасы эмне болду эле?

- Атасыбы? - Гүлбү Курманбекти бир башкача карады да, - Кызымдын атасы мени алдап кеткен, мен алданып калгамын.

- Койчу?!

- Ооба-а, менин да күнөөм бар, бир нерсени баштасам акырына чыгарам, эгер көгөрсөм кайра жанбайм. Ошонун айынан өмүр бою кызымдын "Атам ким?" деген суроосуна жооп бере албай жүрөм, - деп Курманбекти тике карады, - Ошол аялың менен жашап жатасыңбы, Курманбек?

- Жо-ок, андан кийин төрт жыл бойдок жүрдүм, сенден дайын болбоду, анан аргасыз бир келинге көзүм түштү, жактырдым да үйлөнүп алдым, азыр андан бир кыз, бир уулум бар.

- Мен акылсызмын, Курманбек, "Гүлиранын атасы сенсиң" дегенге балким ишенбейсиң, бирок чындыкты кантип жашырмак элем?

- Гүлбү?!…

- Ооба, сен ишенбейсиң, ошондогу төгүлгөн көз жашымды бир караңгы түн, бир өзүм билип ичимден сызып жүрүп эптеп төрөп алып, ушул күнгө келдим. Сага милдет кылбайм, келип-келип сенин балаң… - деген Гүлбү буркурап ийди.

- Кантет Гүлбү, токтоорок болчу, чынында ишенбей турам, мен ойлонбоптурмун.

Аңгыча тамак аш келди, бир бөтөлкө арак келди, Гүлбү унчукпай калды, ал кээ-кээде ичип койчу. Ушул кезде дагы ооруканалардын биринде медсестра болуп иштейт, башка жумуш жасай албады. Эки бөлмө үйдө жашап, жалгыз кызын эчтекеден кемитпей багып келген. Курманбек тамактарды жылдырып арактан куйду да, Гүлбүгө карап ойлуу туруп калды: "Эгер менин кызым экени чын болсо, текшертем, дал ушул ооруканада жаткандан пайдаланып, текшертишим керек. Кызым экени такталса, болгон дүнүйөнү сарптасам да бутун салдырып берем", - деп туруп калганда Гүлбү:

- Ишенбейсиң, түшүнөм сага, жолугуп айтайын дегенде кечигип калыпмын, сен башка жакка кетип калыпсың, - деди тамакка кашыгын салып отуруп.

- Аа-а, - деп койду ойдон адаша түшкөн Курманбек, - Кел эми, ачууну ачуу басат деп коет го, сага да түшүнүп турам, мени дагы ойлонтуп койдуң, кел мындан алып ийели, - деп Курманбек дагы сөзүнүн баш-аягын түшүнбөй сүйлөп ийди.

- Ма-акул, жыйырма жылдан кийин унутулган кыздан кызың бар экенин угуп эсиң ооп турат, алса алып ийеличи, - деген Гүлбү Курманбекке карабай эле алып ийип, оозун баса отуруп калды.

- Чыныңды айтчы Гүлбү, тап-такыр күйөөгө чыккан жоксуңбу?

- Сага актангыдай кайра үйлөнгөнү жаттың беле мага? - Гүлбү негедир ага ызалуу жылмайды, - Ошондо сени менен сүйлөшүп, сөзүңдү укпаганыма ушул убакка чейин өкүнөм.

- Мен сага түшүндүрөйүн десем жолукпай койдуң, аргам жок эле, мен биякта жүргөндө аялым төркүнүнө кетип калыптыр, - деди Курманбек ойлуу, экөө сүйлөшүп көпкө отурду, арак түгөндү, алар бир аз кызуу болуп кафеден чыгышты, - Кайда жеткирейин, Гүлбү?

- Өзүм кетем, сен кызуу бойдон машинаңды айдабай эле койсоңчу, - деп Гүлбү ага өзүн кармай унчукту.

- Ма-акул, отур анда жаныма, бир аз ээн жерге барып кеңешели, - деген Курманбек ал отураары менен айдап жөнөдү да, паркка келип токтошту, - Бак ичи салкын, бир аз отуруп, сүйлөшкөнгө болот, - деди да Гүлбүнү колтуктай паркка кирип, четтеги орундукка отура кетишти.

"Кызы-ык, Гүлира менин кызым болсо, Жоомартты сүйөм деп атайын уюштуруп, Аделяны кордотуптур, ал балдар болсо, акчанын күчү менен бошонуп кетишти", - деп Курманбек ойлонуп отура берди. Гүлбүнүн ою таптакыр башкада: "Кызымдын майып болушуна баласы күнөөлүү болсо, эч нерсе кыла албай каламбы, эмне кылышым керек, же атаң ушул деймби? Аны укса, Гүлирам өзүн-өзү өлтүрүүдөн кайра тартпайт, өзүмдү тартып көк бет", - деп ойлонуп экөө көпкө дейре үн-сөзсүз отурушту. Эми Курманбек ага карап, сөз баштамак болгондо, Гүлбү да аны карай сүйлөмөк болуп, экөө тең күлүп жиберди.

- Гүлбү, менин уулум менен Гүлира бир эле мезгилде төрөлсө керек анда, мен кызыма баарын жасайм, врачтар менен ансыз деле сүйлөшүп койдум, эгер чет элден бутун жасатууга макул болсо баарын жасайм.

- Менден өмүр бою "атам ким?" деп сурап келди, мен ага эч нерсе деп айта албадым, "өлгөн" деп калп айтууга да оозум барбады. Эми да айта албайм Курманбек, билбеген бойдон калсын.

- Макул, ошого макул дейин, бирок Жоомартты сүйөм дегенине бир тоскоолдук табышыбыз керек го?

- Кандай тоскоолдук табышыбыз мүмкүн? - Гүлбү Курманбекти үмүттүү карады, - Кандай тоскоолдук аны токтото алат?

- Ойлонушубуз керек.

- Балаң үйлөнгөн, демек экөөнү жолуктурбай коюуга аракет кылсак болоор…

- Туура, мен Жоомартты чет өлкөгө жөнөтөм, аялы экөөнү тең, анан Гүлиранын тагдырын чечебиз.

- Болуптур, кыскасы сени сүйүп калганым үчүн сендей адам табылбай, өмүр бою жалгыз жашап келе жатам, жалгыз өтөм бул өмүрдөн.

- Антпе Гүлбү, кеч болсо да өз тагдырыңды өзгөртүшүң керек, өмүр бою жалгыз калуунун өзү тозок эмеспи, - Курманбек анын колдорун кармалай аста үн катты, - Биз дос бойдон калабыз, мен дагы, сен дагы сөз чыгарбай менин үйүмө барып конок болосуң, Гүлиранын апасы экениңди айтып тааныштырам.

- Макул, барса барайын, мен сүйүп, элеси менен жашап келген адамдын алган жарын көрөйүн, сүйлөшөйүн…

- Азаматсың Гүлбү, бирок, бир сөзүң мага жакпай турат.

- Кайсы сөзүм?

- Сенин мени сүйгөнүңө ишенбейм, эгер сүйгөн болсоң, ошондо сен экөөбүз турмуш куруп калмакпыз, ушакка ишенип, карабай кеткен сен эмес белең?

- Ушак.. . Ошол чындыкты укканым мендей солкулдап турган жаш кызга катуу тийгенин билбейсиң! Канча түндү көз жаш менен өткөрдүм, ошондо боюма болуп калаары оюма да келбептир да.

- Ош-шондо-ой, тагдыр бизди кошкусу келбеген экен.

- Азыркы кайгым мени андан жаман абалга алып келди, чырагымдын бутунан ажыраганы жүрөгүмдү күйгүзүп жатпайбы? - Гүлбү бышактап ыйлап кирди.

- Кой Гүлбү, үйгө барып чогуу чара-ан сүйлөшөлү, сен жабырлануучунун апасысың, давай кеттик үйгө, - деген Курманбек аны колдон ала жетелеп жөнөдү.

Жылдызкан баласы менен алек болуп үстүңкү кабатта болчу, ал оорусунан оңоло албай жүргөн. Үй кызматчы аларга баарын алып келип чай сунду, ошол убакта үстүңкү кабаттан түшүп келаткан Жоомарт менен Аделя тык токтоп, бири-бирин карап туруп калды.

- Бул ким?

- Билбейм, азыр көрөбүз да, - деп койду Жоомарт.

Атасы менен учурашып, Гүлбүгө баш ийкеп койду. Гүлбү Жоомартты карап туруп: "Курманбекке куюп койгондой окшош экен, жашында дал ушундай келишкен жигит эле. Курган кызым, эркектердин ички дүйнөсүн ачып билген эч ким жок, жаштыгыңды ушул жигиттин сулуулугуна курман кылдың. Мен дагы келесоомун, жашынан айтып эскерте жүрсөм, мындай болмок эмес эле. Кандай гана акылсызмын, өзүмдүн алданганым жетпейт беле?" - деп зыңгырай оозуна сөз кирбей, ыйлап отурганда, Курманбек ага:

- Гүлбү, бул менин тентегим, кечиргенге алың жетпесин билем дечи, - деп Жоомартка карады, - Апаңды чакырчы.

- Азыр, - Жоомарт кайра үстүңкү кабатка баратып: "Демек Гүлиранын апасы тура, эмне болоор экен, балким каматканы жаткандыр", - деп уйгу-туйгу ойлорго бериле Жылдызкандын бөлмөсүнө баш бакты, - Апа, атам сизди чакырып жатат.

- Азыр балам, Кубанычты карай турчу, - деп Жылдызкан бөлмөдөн чыга жөнөдү.

Анын өңү азгын, көздөрү чүңүрөйүп, жүзү ого бетер аппак кагаздай үлбүрөп, арыктыгынан ипичке болуп боюнун узундугу өзүнө куп жарашып турат. Алсыз сезип, өзүн таптакыр таштап койгон. Курманбек аны врачка көрсөтөйүн десе да болбой жүргөн. Анткени, ошол кезде Бегиш анын түшүнөн кетпей кыйналып: "Мени ал соо койбойт, врач жардам бере албайт, кыйнаганда эмне, кудайдын кылганын көрөөрмүн", - деп өзүнчө баарына кайыл болуп жүрдү. Ылдый түшүп келатып Курманбек менен сүйлөшүп отурган аялды көрүп, кызганыч жүрөгүн тилип кетти, эмнеге экенин сезбеди, өзүн зордой баш ийкей салам айтты.

- Аа-а Жылдызкан, бу киши тиги ооруканадагы кыздын апасы, таанышып алгыла, сүйлөшөм деп келиптир, - деди Курманбек оңтойсуздана, ички сырын аялы окуп кое тургансып.

- Ийи, жаман болуптур, кайгыңызга тең ортокмун, жаштар ойлонбой иш кылышат да, ата-энелерин машакатка салышат, менин атым Жылдызкан, - деди ал маңдайкы креслого отуруп жатып.

- Менин атым Гүлбү, - деп Гүлбү Жылдызканды карап: "Оорулуу окшойт, буга ашыкча сөз айтып болбойт го", деп ойлонуп отуруп калды.

- Жаман болду, жапжаш кыз майып болуп калды, эми кандай болот ошону сүйлөшөлү, соо буту үчүн дагы эки айдай жатат окшойт, - деп Курамнбек үшкүрүнө ордунан турду, - Жылдызкан, бирдеме жасат.

- Азыр айтайын, - деп ордунан козголо бергенде кызматчысы келип:

- Мен угуп жатам сизди, эмне жасайын? - деди ага карай.

- Эттен ас, ар жакта казы-карты турат, ошолорду ас дагы, плов баскыла.

- Жарайт, - деп коюп басып кетип баратканда, Жылдызкан бурула берип:

- Тамара, тезирээк кыймылдагыла, - деди да Гүлбүгө карап, - Канча балаңыз бар? - деди.

- Болгон бар байлыгым ушул кыз эле, - деп Гүлбү эмшиңдей жер карады, - Жарым жан болуп калды, кандай кылышты билбей да калдым…

- Кейибеңиз, тагдыр ушундай болот тура, азыр эле бакытка балкытып туруп, заматта жан дүйнөңө бороондуу шамал айдап, кар жаадыра үшүтүп коет, биз жараткандын кулу экенбиз, курдаш, маңдайга жазганын көрөт экенбиз, - деди Жылдызкан үшкүрө.

- Айлам канча-а, - Гүлбү жүз аарчыга көз жашын аарчый, - Эмне, бир жериң ооруйбу? - деди Жылдызканга.

- Жаш төрөгөмүн, ошондон бери оңоло албай жүрөм, үч ай болду, ооруган жерим деле билинбейт.

- Кудай жар болсун.

- Айтканыңар келсин, эми эмне кылмак болдуңар? Жоомарт дагы бала эмеспи, үйлөнгөн неме алар менен тоого эмнеге чыгат, баса берсе балээден алыс болот эле…

- Кандай кылаарды билбей да калдым, кызымдын жанына бардым дегиче көзүмдүн жашы тыйылбайт, күнү-түнү көзүм илинбей, түндү терметип чыгам, - деп Гүлбү үшкүрүнүп алды.

- Кайрат кылыңыз, Курманбек да жөн жатпас, жардам берет, - Жылдызкан башка сөз айталбай ар жакты карады, Курманбек түшүп келаткан.

Ал Жоомарт менен сүйлөшүп, анан келе жаткан болчу. Аделя өз бөлмөсүндө өзүнчө сары санаада: "Эми бул эмне дейт болду экен, өзүнө чала, мени кандай сыздатышты эле, кыздардын колунан ушундай каракчылык келээрин таптакыр ойлобоптурмун, кудайдын көзү түз экени ырас тура, жазасын бир баштан ала берсин", - деп ойлонуп жаткан менен Гүлиранын өмүр бою майып болушу анын жүрөгүн оорутпай койгон жок.

Курманбек Жылдызканга карап:

- Жылдызкан, муздаткычта ичимдик болсо алып келчи, Гүлбү экөөбүз бир аздан алып коелу, бу балдар деп жүрүп, өмүрдүн кандай өткөнүн да байкабай калат экенсиң, мээни да сергитиш керек, - деди отуруп жатып.

- Бар болуш керек, - Жылдызкан ордунан туруп барып, муздаткычтан коньяк алды да, кайра келди, - Тамак деле даяр болуп калды го?

- Мейли, келгиче бирден алып отуралы, - деп Курманбек коньяктын оозун ачып рюмкаларга куюп, бирин Гүлбүгө сунду, - Кел Гүлбү, ачууну ачуу басат дейт, көп кыжаалат боло бербе, мен колума алам иштин баарын, кызыңдан кам санаба.

- Кантип? Кантип кам санабайм, жыйырма экиден эми гана ашты, дагы канча өмүрү майып болуп, жашоосу тозокко айланып кала турган болду. Жападан жалгыз караан кылган өбөк-жөлөгүм эле, бирөөгө көз каранды болуп, эмне гана күндү көрөт садагам, кокус менин көзүм өтүп кетсе, кантет? - деп колуна кармаган рюмканы мыкчый кармап, эчкирип ийди.

Анын бул абалы экөөнүн тең зээнин кейитип турду.

- Уулум үчүн кечирим сурайм, эмне керек болсо даярмын Гүлбү, кел эми сиздин дагы, менин дагы ичим күйүп турган кез, ачууну муну менен басууга аракет кылалы.

- Мейли, кандай болгон күндө да ордуна келтире албайсыз, айла канча, тагдырга таң бербеске алым канча? - деп Гүлбү да алып ийди, ага Курманбек салаттан вилкага илип сунду эле, алып оозуна салды, - Рахмат.

Аңгыча ортого семиз жылкынын казы картасы, эти менен келди, аны туурап тарелкага салып, Гүлбүнүн алдына койду, өздөрүнө башка койгондо Жылдызкан:

- Мен жебейм, ушундан ооруп жатат окшойм, - деди.

- Мейли, келин-балаңды айтып койсоңчу?

- Алар анан жешет же ошол жакка алпарып алаар.

- Аа-а мейли, - деп Курманбек кайрадан коньяктан куйду, - тамак менен дагы алып коелу эми, балдардын келечеги үчүн, өткөндөргө кейибей алдыга умтулалы, баарынын жакшы болуп кетиши үчүн келиңиз эми.

- Көп болуп кетпесе экен, азыр кайра кызыма жолугушум керек эле…

- Буйруса жолугабыз, мен дагы барам, кам санабаңыз.

- Жок-жок, убара болбоңуз, өзүм эле барам, сиз эртең эле барарсыз, - деп Гүлбү тайсалдай калды.

- Кызыңды жакшы тарбиялапсың, Гүлбү. Бир аз өзүмчүл окшойт, болбосо бул иш болмок эмес. Эми жаштыкта күтүлбөгөн окуялар боло берет, адам баарына даяр турушу керек, болбосо кайгыдан өзүңдү жоготуп алууң мүмкүн.

Гүлбү менен Курманбектин мурдатан тааныштардай сүйлөшүп жатканы Жылдызкандын жүрөгүн ачыштырып: "Булар башынан тааныш болсо керек, балким мамилеси да бардыр, минтип кокустук болбосо, үйгө алып келмек эмес, деги эмнеси болсо да, тынч бүтсүнчү", - деп ойлуу чайдан ууртап коюп, отура берди.

- Бир аз көктүгү бар, бирок ак көңүл, окуусуна эптеп жүрүп киргиздим эле…

- Эмне дейбиз, адегенде сакайсын.

- Ооба, сакайсынчы деги, үйдө жалгыз түн терметип отуруп, эмнелерди гана ойлобойм, атасы болсо да башка болмок… - дегенде Жылдызкан ага карап калды:

- Атасы эмне болду эле?

- Атасы-ы, - Гүлбү Курманбекти карап, кашыкты оозуна алып бараткан бойдон туруп калды.

- Ажырашып кеткен боюнча кайрылбаптыр, Жылдызкан, аны мага Гүлира айтты, - деп Курманбек жооп бере салды.

- Ооба, ал кайрылып келбеди…

- Ошонусу жаман болгон экен. - Жылдызкан акырын айтты муну, бирок экөөнүн көз карашынан бир нерсени сезгендей болду. "Көз караштары соо эмес, кандай сыр бар болду экен? Менден бир нерсени жашырып жатат. Балким мурда сүйлөшүп жүрүп, күйөөгө чыгып кеткендир, эми жолугуп калгандыр". - деп да ойлонуп жатканда, Жоомарт аны чакырып калды. Туруп баратып, - Бала ыйлап жатат окшойт, силер отура бергиле, - деди да үстүңкү кабатка чыгып баратты.

- Аялың оорулуу го? - деди Гүлбү анын артынан көз жибере.

- Бир аз ооруп жүрөт, жашы өткөндө төрөгөнгө кыйналып жүрөт. Кызыбыз он экиге чыкты, ошондон бери эле төрөгөн эмес да.

- Ошентсе да жакшылап көрсөтпөсөң болбойт, кокус дарт эскирип кетсе, кеч болуп калып жүрбөсүн.

- Койчу, ошондой болобу?

- Кыйын болуп калат, аракет кыл.

- Андай болсо көрсөтүшүм керек экен, - деген Курманбек ойлуу Гүлбүнү карады, - Өзү дагы болбой жатпайбы.

- Узактырбай көрүнбөсө болбойт, - деп койду Гүлбү ойлуу.

Андан кийин унчугушпай тамак менен коньяктан ичип отурду, Курманбек ага Жоомарттын дарегин айтып отурду.

- Эгер ошондо качып кетпесең, кызыбызды экөөлөп чоңойтмокпуз, сен кыска ойлоп алдың, чынында ал аялым менен жашагым келбей качып жүргөн кез болчу, сенин таарынычыңды жазып, түшүндүрөм деп канча бардым, - Кызып калганга ички сырын айтып отурду, - Төрт жылдан кийин Жылдызканды бир көрүп эле сүйүп калдым да, үйлөнүп алдык.

- Бу да болсо тагдыр экен. Кой, мен кетейин, сен үйүңдө эле кал, мен өзүм кетем, - деп Гүлбү ордунан турганда Курманбек аны токтотуп койду.

өзү чыгып үстүңкү кабаттан Жылдызканга кеңешип, акча алып чыкты.

- Гүлбү, бул акчаны керегиңе жумша, ооруканага бирдеме алып бараарсың, - деп бир боо акчаны сунганда Гүлбү унчукпай алды да:

- Бул боор ооруганыңбы же кызыңдын бутунун акысы дегени турасыңбы? - деди ага.

- Жок-жок Гүлбү, ооруканага дагы барам го, врачтар менен сүйлөшөм, муну тамак-аш киргизип тур.

- Жакшы тургула, - деп Гүлбү чыгып баратканда, баласын бооруна көтөргөн Жылдызкан жете келди.

- Жакшы барыңыз эми, кудай кубат берсин, башка эмне дейли, - деп коштошкон болду.

Курманбек аны дарбазасынан чыгарып коюп, кайра кирди, унчукпай үстөлгө отурду да.

- Балаңды чакырчы, - деди.

- Жоомарт!

- Ийи ата.

- Кел бери!

- Баратам, - Жоомарт тепкичтен ылдамдай басып келди да, - Эмне болду, ата? - деди.

- Отур, - деп Курманбек ойлуу көпкө отурду, анын мындай абалын мурда көрбөгөн Жылдызкан да унчукпай, эмчек эмип жаткан уулун карап отура берди, - Кана бир баштан айтып берчи, эмнеге ал кызды ошол абалга түшүрдүң?

- Ата, пахотко чыгабыз деп төрт кыз, төрт бала чыкканбыз…

- Сен бойдок эмессиң, ошону унуттуңбу? - деп Курманбек столду муштап жиберди.

- Барбайм десем болбой коюшту, көрсө атайын уюштурушкан экен, мен кетмек болгонумда Гүлира машинага жармашып туруп алды, мен газды басканда, ал эшикти жапкан болчу, көрсө этеги кыпчылып калыптыр…

- Ошого чейин көрбөдүңбү?

- Жок, күзгүдөн көрөөрүм менен токтоттум, бир буту дөңгөлөктүн алдында калыптыр, - деп башын төмөн сала күнөөлүү боло, күңкүлдөп жооп берди, - Өз кылганымдын айыбын өзүм тартам дегемин, Гүлира өзү догум жок деп жазып берип коюптур да.

- Эми ал кыздын бутун кантип бүтөп беребиз?.

Курманбек аны тике карады, уулунун жүзүнө карап, кайра боору ооруп кетти: "Бала эле бойдон, мындай кезде, мен канча менен жүрдүм, апамдын өлүшү мени бөксөртүп кетти, ошондо гана сезбедимби чыныгы жашоону башташ керек экенин", - деп ойлоп алды да, көз алдына бир буту кесилип жаткан Гүлираны келтирип, жүрөгү тыз этип алды: "Менин кызым эмес болгон күндө да ага кыйын болду, жапжаш туруп мунжу болгону өкүндүрбөй койбойт", - деп ойлонуп алды.

- Курманбек, эми бала немени кыйнаганда эмне, жакшылап сакайса, анан дагы көрөбүз да, - деп Жылдызкан айтканда, аны карап калды, жүзү куба тартып, жаагы шимирилип, көздөрү киртийип турган аялын көрүп, ага да жүрөгү ооруп кетти.

- Да-а, убакыт көрсөтөт дечи, абайлаш керек болчу…

- Ата, кечир мени, мындай болоорун билбей калдым, өздөрү дагы күнөөлүү, - деп Жоомарт атасынан кечирим сурап турду.

- Бар эс ала бер, калганын өзүм бүтүрөм.

- Рахмат, ата, - Жоомарт көңүлсүз ордунан туруп, өйдө чыгып баратты.

Кеч кирип, ал күнү башка сөзгө өтпөй жатып калышты, эртеси эртелеп Жумабү келип калды. Жылдызкан төшөгүнөн турбай, түнкү көргөн түшүн ойлонуп жаткан. Ал түшүндө Бегиш менен жүрүптүр, экөө баягы жаңы үйлөнгөн кездегидей бактылуу жетелешип алган. Бир кезде Жылдызкан чоочуп кетип, Бегиштен колун тартып алды да: "Сен эбак өлбөдүң беле, кет биерден, эмнеге келдиң?" - дейт. Анда өзүнө кол сунган Бегиш: "Сен менин мекениме келбедиңби, мен ушул жерде турам, көрдүңбү кандай кооз экенин, сен эми кете албайсың, биз эми бирге болобуз", - деп Жылдызканды кармамак болгондо, ал качып жөнөйт. Бирок аны узатпай кармап алган Бегиш: "Сен менден бир кеткенсиң, эми эч жакка кете албайсың", - деп кучактамак болгондо, чоочуп ойгонуп кетти. Жүрөгү лакылдап калыптыр, көрсө Жумабү бөлмөгө кирип келген экен.

- Ушул убакка чейин уктайсыңбы ботом, эрте турган жакшы болот, таңкы ырыскыдан кур калбай, - деп апасы сүйлөнүп жатты.

- Апа, качан келип калдыңыз? - Жылдызкан тура калып, апасын кучактап калды.

Эмелеги көргөн түшү аны өрөпкүтүп, ички күптүсүн айткысы келген менен айталбай ыйлап да ийди.

- Кантет, бала болуп кетесиңби кызым, эрте туруп кудайдан тилек кылбайсыңбы? - деген Жумабү кызынын азгын өңүн көрүп, ичи тыз этип алды: "Жакшы болуп кеткендей эле, доктурга көрүн дейинчи", - деп сары санаа болуп отура кетти.

- Апа, - деди Жылдызкан ойлуу: - Менин оорум деле жок, түшүмдөн чоочуп жүрөм, түндө дагы Бегиш кирип жатыптыр…

- Анда түлөө өткөрүш керек кызым, эбак эле айтпайт белең, - деп Жумабү аны ормое карап калды, - Курманбек кайда кетти эле, тездетиш керек, базарыңардан улак-пулак алып келе калалы, Жоомарт үйдө болду бекен?

- Ал дагы окуусуна кеткендир…

- Мейли, кечинде келишсе кеңешели, андан көрө мен камыр жууругула дейинчи, кызматчы келин барбы?

- Бар.

- Анда мен айтайын, жети токоч жасай коелу, - деп туруп, ылдый түшүп кетти.

Жылдызкан ойлуу отура берди: "Ошол жанымды алып калмак беле, мейли аз болсо да жашай турайын", - деп улутунуп алды. Башы ооруп, салмактанып калыптыр, аптечкадан дары алып ичип, анан кайра кыңкайды, эчтекеге көңүлү келбей, ар кайсыны ойлоп, уктап жаткан күлүшүп калган наристесин, анын ары жагында өзүнчө диванда уктап жаткан кызын карап койду. Танзиля он үчтөн он төрткө карап калган: "Садагам десе, атасы эч кимге кор кылбайт, колумдан келээр болсо өз колум менен күйөөгө берип, көңүлүм тынса кана, аттиң", - деп улутунуп, көзүнө жаш тегерене түштү. Ордунан туруп, ылдый түшүп баратканда алдынан Аделя чыкты.

- Кандай жаттыңыз, апа? - деп ал күндөгү көнүмүш адатынча жаркылдай карап сурап калды.

- Рахмат кызым, жакшы жаттым, Жоомарт сабагына кетти беле?

- Ооба, анын экзамени жакындап калбадыбы, апа.

- Иий, мейли анда, кире бер, Кубанычты карап коюп турчу, мен ылдыйта болом.

- Макул, апа.

- Бара гой, кызым, - деп Жылдызкан ашкана жакка басты.

Апасы аларга бирдемелерди айтып жатканын угуп жылмайып алды: "Жарыктык, бир күнү мени да таппай калып кандай сыздаар экенсиң, ушунчалык тез өтүп бараткан өмүрүмө тойбой турам, мен төрөөрүм менен пайда болду да Бегиш, канча жылдардан бери түшүмө кирчү эмес эле", - деп кайра ашканага кирбей креслого отура кетти.

- Капырай, камыр жууруй койгула десем, камыр жууруганды билбейбиз дейт, анан аял болуп кантип жүрөт? Кесмеңерден өйдө сатылса, анан чоектошот да, өзүм эле балпайта жууруп койдум, - деп Жумабү келип жанына отурду.

- Жарыктык десе, билбесе билбейт чыгаар.

- Эк, анан алар өмүр бою эле жанагы кесмеден жей бермек беле, камырды да сатып келе коелу дейт, - деп сүйлөнүп жатты.

- Апа, койчу эми көп сүйлөнө бербей, мен сизге бир нерсени айтайын дедим эле, уксаң, - деп Жылдызкан апасын суз карады.

- Айта бер кызым, эмне сөз?

- Ошо кудайы кылганда аралжы боло алабы?

- Опэ-эй ботом, болбой койчу беле, канчалык алдын алса, ошончолук пайдасы бар, мурда эле айтсаң болбойт беле, - Жумабү эңкейе акырындай сүйлөдү, - Ал бечарага куран окуткан адам болбой калды да, арбак ошондо түшкө кирет. Балаң турат, кээ-кээде өзүң деле ага атап коюп жүрсөң жакшы, арбак ыраазы болмоюн тирүүнүн иши оңолбойт деген.

- Мен төрөп төрөтканада жатканда катуу чоочудум апа, үч айдан өттү, ооруган деле жерим жок, - Жылдызкан ойлуу жер карап калды, ошондогу көргөн түшү алиге көзүнө көрүнө калса, жүрөгү опкоолжуй коркуп кетчү, оор улутунуп алды, - Ошондон бери тынымсыз түшүмө кирет…

- Кудай сактасын балам, түлөө өткөрүп, анан сени айылга алып кетейин да, Бегишке куран окуталы, атасынын дагы колунда жок. Белги-селги салынбай же куран окутулбай калбадыбы?

- Ошентсе ошентип көрөлүчү апа, бара-бара уктагандан да коркуп калдым.

- Жүрөгүңдү көтөрүп коеюнчу, азыр ачкарын жакшы болот, - деген Жумабү анын жанына келип, - Эңкейип тур, - деп колун көкүрөгүнө сала, - Биссимилла рахма-анир-райым, менин колум эмес, эмчи-домчунун колу, - деди да, - Каран гү-үн, жүрөгүң катуу түшүп калган тура, карачы чемирчегиң кирип кетиптир! - деп үч жолу көтөрдү да жерге колун тийгизип койду, - Кара жер сен көтөр, пендең көтөрө албайт, кара жер сен көтөр! Тур эми, өйдө болуп бас ары-бери.

- Өх, эс ала түштүм, апа, - Жылдызкан ары-бери басып, кайра үстөлгө отуруп калды, - Таптакыр эле алым жок.

- Садага болоюн десе, буйруса жакшы болуп кетесиң, азыр жети токочту куран окуп туруп жолдогу бала-чакага таратып келейин.

- Эмнеге?

- Ырымы бар, кызым.

- Ийи, - деп Жылдызкан унчукпай отуруп калды.

- Эс алып каласың, балаң кургур десе, али балалыгың бар, эчтекени баамдабайсың, алда качан айтсаң эбак жакшы болуп кетмексиң, - деп апасы наалып кирди. Аңгыча Тамара чоң табакка үймө кылып токочту көтөрүп келди. Жумабү токочту жайып, оозун кыбыратып анан, - Келгиле отургула, - деди да куран окуй баштады. Көптөн кийин, - Ашыркул уулу Бегиштин сообуна тийсин, оомийин, - деп бата кылды, - Эми муну бузбай туруп алып чыгып таратып келе калайын, - деп эшикти көздөй чыгып баратканда, алдынан Курманбек кирип келаткан эле:

- Ой апа, кайда барасыз, качан келдиңиз? - деп туруп калды, анан үстөлдө отурган Жылдызканды суроолуу карады.

- Балам, азыр келип түшүндүрөм, - деген Жумабү сыртка карап чыгып кетти.

- Апам бүбүчүлүк кылып жатат, - деп күлүп калды Жылдызкан.

- Аа-а, ошондой беле, таң калганымды кара, - деп Курманбек отура кетти, - Иш чатак, тигил кыздын экинчи бутун дагы кесе турган болду, энесинин да абалы оор, эмне кылышты билбей калдым.

- Жаман болгон тура, кечээ жакшы дебедиңер беле?

- Кечээ түштөн кийин эти ысып, чабалактап калганда караса, гипстин ичиндеги буту шишип кеткен имиш, кайрадан операция жасаса да болбой койду дейт, гангренага айланып кеткен имиш.

- Эми эмне болот, шордуу?

- Башым катып калды, мен барсам дөөрүп жаткан экен, кан басымы да көтөрүлүп алдастап жатат, апасы жанында калды, - Курманбек оор үшкүрүнүп алды, - Кандай кана азап ээ, баланын азабын ата-энеге салбасын.

- Врачтар эмне дейт?

- Эмне демек эле, бир бутун дагы кеспесек, өлүп калышы мүмкүн, өйдө карай шишик чаап отуруп жүрөккө чабат дешти.

- Бечара а-ай, кандай болоор экен, чыдай албайт го? - Жылдызкан чын пейилинен кейип калды, - Эки буту тең болбосо, жашаганы курусун…

- Энесине кыйын болду, туруп-туруп өзүн жоготуп коюп жатат, же бир жанында тураар жакыны жок экен.

- Курманбек, экөөбүз барып көрүп коелучу, ошол кызды көрөйүн, жок дегенде Гүлбүнүн көңүлүн көтөрүп коелу.

- Макул алтыным, кыздын ал-абалын көрүп, ого бетер ооруп калбайсыңбы? - деп Курманбек аялына карады.

Ошол кезде кирип келген Жумабү:

- Ботом, шаардын эли жапайы болуп калыптыр да, "бул эмне токоч?" деп сурайт, эптеп таратып келдим, - деп сүйлөнө отурду.

- Жарыктык десе, зарыл беле ошол? - Курманбек күлө сурады.

- Аа-а балам, эчтеке билбейсиңер да-а, таптакыр эле орус болуп калыпсыңар, зарыл болбосо эмне? Эми кырк бир токоч жасап, базардагы кайырчы мусаапырларга таратып келейин, өө-х! - деп алды кары кемпир чарчагандай, - Жылдызкандын ооруганына үч айдан ашты, же доктурга көрүнбөйт. Бүгүн келсем түшүнөн чоочуганын айтып жатпайбы! Ыя кокуй, ошондой кантип болсун?! "Ооруну жашырган өлүмгө тете" деген илгеркилер, кудайдан тилек кылып жыт чыгарып, эртең менен эрте туруп жүрбөйсүңөрбү, - деп Жумабү бежиреп жатты.

- Мага деле айткан жок элең го? - Курманбек Жылдызканды карады.

- Эмнени айтам Куке, "күйөөм кирип жатат" деймби, Бегиштин түшүмө киргенин айтамбы? - Жылдызкан акырын айтып ыйлап ийди, - кийинки күндөрү тынчыраак уктай албай калдым…

- Эмне болмок эле, айтышың керек! Мен дагы билем андайды, керек болсо, ага атап куран окутуп коюш керек. Эмнеси бар анын, ушундайың болбойт да Жылдыз, бирге жашаганыбызга он жети, он сегиз жыл болуп калды, мен эмне демек элем, сенин амандыгың керек мага дагы! - деп Курманбек туруп келип, ыйлап отурган Жылдызкандын көз жашын колу менен аарчый, - Сен менден эч нерсе жашырбашың керек, биз бир гана кишибиз, уктуңбу? - деди көздөрүнө тике карап.

- Айталбай койдум, мен аны ойлогон деле эмесмин, кокусунан төрөгөн эле түнү кирди, ошондон бери кирип келатат.

- Болду, мен көзү ачыктардын кыйынмын дегенине алып барам, - деди да ойлуу отуруп калды.

Андан кийин Жумабүнүн айтымы боюнча түлөө өткөрмөк болуп токтошту. Жылдызкан Курманбекти ээрчитип алып, Гүлираны көрүп келмекке жөнөштү. Кубанычты Аделя карап калды. Алар барганда жанында Акинай менен Аэлита да бар экен, ыйлап отурушуптур, Курманбекти көрөөрү менен чыгып кетишти. Гүлира эти от жалын болуп дагы алдастап жаткан экен, Гүлбүнүн көздөрү тоодой болуп ыйлагандан улам шишип кеткен. Жылдызкан кызды көрүп жүрөгү сыздап кетти: "Бечара ай, анан калса аябай сулуу экен, тагдырың түшкүр, эми кантээр экен? Бирдеме болсо, Гүлбү да оң болбой калат го", - деп ойлонуп Гүлбүнүн жанына келди.

- Көп кайгыра бербе Гүлбү, кайраттуу бол, жакшы болуп кетет, ыйлай бербечи.

- Кантип Жылдызкан, кантип кайрат кылам?! Көзүмдүн карегиндей сактаган жалгыз кызым болсо… - Гүлбү Жылдызканды кучактап буркурап ийди, - Жалгызымдын тагдыры ушундай болот деп үч уктасам түшүмө кирбеген эле…

- Гүлбү, жаман жорукту баштабачы, бул сенин эле кызың эмес биздин дагы кызыбыз болду, мына көрдүңбү, биз жаныңда турабыз го? - деп Курманбек кайраттана Гүлбүгө катуу айтканда, ал унчукпай калды.

Ошол кезде кыңкыстаган Гүлира:

- Апа, апа мен кетип баратам! Апа, апа, мени кое бербей жатат, мен кетип баратам! - деп дөөрүп киргенде, Гүлбү чебелектеп жиберди:

- Каралдым ай, кандай күнгө калдың, колумдан келээр иш болсо, ушинтип отураар белем? - деп тердеп кеткен кыздын чачтарын сылап, бетинен өөп жатты.

- Гүлбү, эсиңе келчи кызым, биз жаныңдабыз, сен эч жакка кетпейсиң, биз турабыз го? - деп Курманбек бир колун кармалап сүйлөп жатты, - Айланайын десе, жакшы болуп кетесиң кызым, апаңды коркутпачы.

- Ооба кызым, биз дагы сенин жаныңдабыз, сен сакайып кетесиң, эсиңе келчи садага, апаң коркуп жатпайбы? - деп Жылдызкан да анын маңдайына келди, - Сен эстүү кызсың да, берекем.

- Апа, апа, - деп чабалактап жатканда, Курманбек врачка барып, сүйлөшүп отурду:

- Бул кыздын ал абалы оор, операция жасагандан кийин кайра болбой шишик өйдөлөп жатат. Болгон аракетибизди жасап жатабыз, апасы бутун кескенге макул болбой жатат.

- Бутун кеспесе болбойбу?

- Кайдан, шишик тездик менен өйдөлөп баратат, укол менен кармаган күндө да кеспесе болбойт, - деп ээрчише, палатага киришти, врач оорулууну көрүп, - Только кесиш керек, кызыңыздын өмүрүн сактап калыш үчүн ушул гана жол калды, - деп Гүлбүнү карады.

- Кантип, эки буту тең болбосо, кандай жашоо болот, бир буту болсо дагы, балдак менен басып үмүт болот эле го?

- Башка арга жок, - деп врач ийин куушурду, - Азыр сестра келип укол куят, - деди да чыгып кетти.

Үчөө бири-бирин карап туруп калышты, өз энесинен озунуп, эч нерсе дей алышпады, айтаарга сөз да айта алышпады. Көптөн кийин гана, укол бергенден кийин кыз көшүлө уйкуга кирди. Аргасыз Курманбектер кетүүгө камынып, Гүлбүгө карады.

- Гүлбү, жүр бирдеме ичип келчи, кайра жеткирип коебуз, - деп Жылдызкан ага боору ооруп колтугунан өйдө кылды, - Түнү менен деле жанында болосуң, жүрү тамак ичип алчы.

- Жүрөгүмө эч нерсе барбайт, силер бара бергиле, мен жанында болоюн, - Гүлбү моюн толгой болбой жатканда, Курманбек дагы аны бир жагынан алды:

- Кой Гүлбү, өзүңдү да кара, ооруп калсаң кызды ким карайт? Минте берсең ооруп да каласың, - деп зорго алып чыгып баратып, сестрага дайындап коюп жөнөштү.

Туура эле үйүнө алып келип, тамак ичирип, анан кайра кичинекей термоско куюп, нан менен кошо баштыкка салып берди Жылдызкан, аны Курманбек жеткирип коюп, кайра келди. Ошол түнү Курманбектин кан басымы көтөрүлүп, уктай албай дары ичип, эс алды. Таңга маал көзү илинип кеткен экен, түшүнө апасы кирип жатыптыр, ал аппак кийинип алып, Гүлиранын жанында отуруптур, Курманбек: "Апа, биерде эмне кылып жүрөсүң?" - десе, "балам, бул сенин кызың эмеспи, кыйналып калыптыр, мен алып кетейинчи, өз тукумумду кантип талаага калтырайын, сен муну ачык айтып жөнөт, мен дагы жалгыз кыйналып жүрөм", - деп керебетте жаткан кызды тургузуп, ээрчитип кетип жатты. Курманбек кыйкырып үнү чыкпай жатып ойгонуп кетти. Чоочуп тура калды. "Өх". - деп алды. "Бул эмнеси, апам алып кетти, демек бул түш соо эмес, эмнеге ачык айтып жөнөт деди, кантип менин кызым деп айтам", - деп ойлонуп жатып селт этип алды: "Кокус болсо, Гүлбү жаман абалда болуп жаткандыр. Кой, мен барайын", - деп шашыла туруп кийинди да чыгып кетти.

Ал келгенде, Гүлбү бакырып ыйлап жатыптыр. Эбак эле кыздын сөөгүн моргго киргизип салган экен, Курманбекти көрүп, ого бетер өкүрүп-өксүп кирди:

- Мен жалгызымдан айрылып калдым Курманбек, эми кантип жашайм, кантип күн өткөрөм?! Андан көрө мени албайбы кудайым, оо жаратка-ан! - деп кучактап калды.

Курманбек аны бекем кучактап алып:

- Кайрат кыл Гүлбү, кудайдын кылганы ушул тура, кайрат кыл! - деп токтоно албай Курманбек дагы ыйлап, денеси солкулдап жатты.

- Сен кайдан билдиң, же телефон чалдыңбы? - Гүлбү ыйлап жатып сурады.

- Жөн эле, кыйналып жатканын көрүп, кетпедим беле, чыдай албай көрөйүн деп келгем.

- Жылдызкан унчуккан жокпу?

- Ал уктап жатат, менин чыкканымды билбей да калды. Мен врачка кирип чыгайын, эртерээк эле алып чыгып кетели, - деди аны далыга таптай сооротуп, - Сен отуруп тур, өзүңдү карма, - Курманбек ичкери кирип кетти.

Врач менен сүйлөшүп, таң ата электе сөөктү алып чыгып кетмек болуп, керектүү адамдарга телефон чалды да, машина чакырды.

- Курманбек, бирөөнү менин тагамдыкына жибериш керек го, кабат үйгө алып барууга болбойт, даярдана беришсин, - деди Гүлбү айласы куруй ыйламсырап.

- Кам санаба, дарегин айт, - деди да Курманбек жүгүрүп чыгып кетти…

Ошентип, Гүлбү жалгыз кызын жерге бермек болду. Коеордо Гүлбү менен Курманбек кеңешип: "Курманбек кызы Гүлира", - деп куран окутмак болду: "Арбактын айтканын орундатпаса болбойт", - деген ой турду көкүрөгүндө. Коеордо Жылдызкан дагы келди, бирок ызы-чуудан башы айланып, Жоомарт менен тез эле кетип калды. Курманбек ызаат-сыйын, чыгымдын баарын өзү көтөрдү. Анын жүгүрүп жүргөнүн көргөн тагасы Алымкул башкача ойлоп: "Баласы сүзүп кетпесе, балким өлмөк эмес, сотко берип каматып коюш керек, миң чыгымын көтөргөн менен айыпсыз адам өлүп жатат", - деп Гүлбүнү көкүтмөк болду эле, ал унчукпай: "Кийин сүйлөшөлүчү тага, тынчыраак узатып алайын кызымды", - деп буркурап ыйлап жатты. Үчүнчү күнү Гүлираны жерге беришти: "Курманбек кызы Гүлиранын сообуна", - деп куран окутулуп жатты. Курманбек үч-төрт күн күнү-түнү дебей жүрүп бут тарталбай зорго үйгө келди. Аны көргөн Жылдызкан:

- Кандай, Гүлбүнүн акыбалы жакшыбы? - деди.

- Болушунча болду да, жаш кызга жаман болду, өтө эрте кетти, эч нерсе көрбөй кете берди, бечара.

- Ооба-а, кыйын эле болду, - деп Жылдызкан ойлуу отуруп калды.

Өзүн ойлоду: "Тобо-о, кечээ сүйлөп жаткан кыз бүгүн жер алдында. Мен өлсөм да ушул да, тез эле түңүлүшөт, унутушат, кайгырып өксүгөн менен өлгөн адам кайрылбайт тура. Чиркин өмүр ай, неге жарыкчылыктын кымбат экенин дениң соо кезде ойлобойбуз? Аттиң, мен дагы бир күнү өтөм ээ", - деп оор улутунуп ийди.

- Өзүң кандай жаным, дурус болуп калдыңбы?

- Баягыдай эле, апам ырым-жырымын жасап жатат, же жылыш жок, күндөн-күнгө алсызданып эле баратам.

- Эч коркпо, эртең чоң молдого алып барам, - деп чалкалай креслого отура кетти.

- Жылдызкан эже, эмне алып келейин? - деп Тамара келип тура калды.

- Эч нерсенин кереги жок, - деп койду Курманбек көңүлсүз, - Аа-а баса, сен бирдеме ичет белең? - деп Жылдызканга карады.

- Жок.

- Мейли, эмне даяр болсо алып келчи, - деди кайра.

Экөө отуруп алып тамактанып жатты. Жылдызкан өзү жалгыз ичпей отурган эле, ар кайсыны ойлонуп. Баласы менен гана алаксыбаса башы көп ооручу болгон. Курманбек аны карап коюп, ичинен сызып жатты: "Эмнеге ооруп калды? Абдан арыктап кетти, күйөөсү катуу нааразы болгон окшойт. Кой, эми муну жакшылап карабасам болбойт", - деп ойлонуп алды ичинен.

- Чарчагандырсың, эс ал эми.

- Жүрү жаталы.

- Мен бир аз отурайынчы.

- Макул, көп кечикпей жат, - деп коюп Курманбек үстүңкү кабатка көтөрүлүп кетти. Жылдызкан креслодо отура берди, Курманбектин өзүнө көңүл бурбай баратканын ойлоду: "Эмне кылсын, түйшүгү көп болуп кетти, эми тынч болсо экен, өзү деле катуу чарчады", - деп алды. Түн бир оокумда Курманбек башын көтөрүп, баласынын ыйлап жатканын көрүп тура калды, аялы ордунда жок. Баланы көтөрүп алып түшүп барса дагы эле креслодо отурган экен, акырын барып түрттү эле, чоочуп ойгонуп кетти.

- Оой, уктап кеткен турбайынбы, - деп өйдө болуп, күйөөсүн ээрчий өйдө бөлмөсүнө чыкты, баласын эмизип, кыңкайып жатып алды.

Курманбек кайра эле уйкуга кирди. Негедир анын да уйкусу тынч болгон жок, эртең менен турганда ого бетер оорлошуп калыптыр, эки-үч күн эч жакка барбай үйүндө эс алды да, Жылдызканды эртелеп ээрчитип алып, чоң мечитке барды. Аерден жакшылап дем салдырып алып, врачка көрсөтмөк болду эле, Жылдызкан болбой койду. Анан бир көзү ачыкка алып барды. Ал көрүп эле:

- Кызым а-ай, неге өзүңөргө кайдыгер карайсыңар, бир арбак сага катуу нааразы болуп турат. Катма өткөрүп, өз баласын өзүнө каттат, сен аны башка бирөөнүн атына жаздырып койгон турбайсыңбы? - деди токтолбой сүйлөп.

- Деги жакшы болуп кетемби, эже?

- Сопсо-онун болуп кетесиң, көп жылдан бери эчтеке атабапсың, аябай нааразы.

- Колдон келгенин жасайбыз, - деди Курманбек дагы.

- Өлөөрүндө өтө нааразы болуп кетиптир, айтканды тезирээк жасагыла, өзүнүн өлгөн жерине, - деди толмочунан келген Анипа.

- Айтканыңыздай жасайбыз, эже, сизге чоң рахмат, - деп экөө ээрчише чыгышты.

- Тобо-о, мынчалык билет деп ойлогон жок элем. Курманбек, Рамисти кантип ага жаздырабыз? - деди Жылдызкан бери чыгаары менен, - Көрүп тургандай айтат экен ээ?

- Мен дагы таң калдым. Кой, кечиктирбей атамдарды алып алалы да, баягы үйгө барып, катманы ошол үйдөн өткөрөлү.

- Макул, ал үй каралбай эмне болуп калды экен.

- Эмнеси болсо да ошол үйдөн жан таслим болду дешти эле го. Ошол үйгө куран окутуп, катма өткөрүп коелу, - дешип үйүнө жөнөштү.

Алар келгенде Жумабү отурган, ал үйүнө кеткен болчу. Учурашкан соң болгон окуяны айтышты да, керектүүлөрүн алып, ошол эле күнү жөнөп кетти. Ашыркулду да алдырып алды. Бейшемби күнгө туура келип, коңшу-колоңун чакырып молдо чакырды да бир койду союп, дасторкон жайып куран түшүрттү. Үй ичи көк жыттанып калыптыр, Ашыркул деле Бегиштин сөөгүн алып кеткен бойдон келген эмес экен. Келген эл тарагандан кийин гана Курманбектер жыйынып жөнөмөк болду. Калган-катканын Ашыркул менен Бекке бууп-түйүп берип, эч нерсе албай жолго түшүштү. Негедир Жылдызкандын жүрөгүнүн тырышканы тарап, эс ала түшкөндөй болду. Үйүнө келгенден кийин шалдырап, уйкусу келип жатып алып, керээли кечке уктады. Тердеп көл-шал болуп калган экен, кеч күүгүмдө зорго ойгонду. Анын жанында отурган Жумабү:

- Тынч уктадыңбы, балам? - деди ал козголоору менен.

- Көпкө уктадымбы? - Жооптун ордуна кайра суроо берди.

- Уктаганың качан, жаныңда карап отурам.

- Эс ала бербейт белеңиз, апа.

- Кайдан, сенин түрүңдү көрүп, уйкум качып кеткен, кызым.

- Алда-а апам ай, - деп Жылдызкан жылмайып койду, анын көңүлү ачык, сергилең боло түшкөн эле. - Аябай уктап калыпмын, тим эле жеңилдей түшүптүрмүн, - деп кийине сыртка жөнөдү.

- Ээ кудай, - деп Жумабү өзүнчө жалынып-жалбарып алды, - Ушунуңа шүгүр айланайын.

Жер таяна ордунан туруп, тепкич ылдый түшүп келатты.

- Апа бирдеме ичеличи, Курманбек үйдө жок беле?

- Ал бир жакка кетти окшойт, кызым.

- Аа-а, анда мен, - деп ашкана жакка кирип кайра эле чыкты, - Ачыгып калыптырмын апа, даяр тамак бар экен, кел отуруңуз.

- Азыр кызым, ажатканага кирип чыгайын, - Жумабү тепкичтин сол жагындагы ажаткананы көздөй басты, - Эк, карыганда жаш баладай болуп ичке эчтеке токтобой калат тура, шорпо-шилең ичсем эле ичим жүрөт, - деп кобурана кирип кетти.

Жылдызкан ойлуу отуруп калды: "Кызык, он сегиз, он тогуз жылдан кийин ал менин тынчымды эмнеге алды? Деги ушул бойдон кирбей калса экен, бүгүн бир топ жеңилдеп калыпмын", деп апасын күтүп жатты. Аңгыча Тамара менен Надя тамак алып келип, үстөл үстүнө коюп, чайларын ташып, жайгаштырышып коюп, кирип кетти. Жумабү менен Жылдызкан экөө бирге отуруп чай ичип, тамактанып жатты.

- Апа, мындан ары үйдө тамак болгон сайын куран окуп турайын ээ, курандын мынчалык касиети бар экенин сезбептирмин.

- Ок, антип айтпа, курандан улуу, курандан ыйык неме жок балам, дагы да кесир сүйлөп жатасың, - деген Жумабү чоочуй тилдеп жатты кызын, - Эми секелек эмессиң, түшүнүп эле калгыдай болбодуңбу, кырктан өткөн аял кантип ушуну айтсын?

- Апа-а, мен чынымды айттым, билбесем билбегенимди айтам да, - Жылдызкан ыңгайсызданып отуруп калды.

- Баарын биле жүргөн жакшы, кызым. Кудай жок деген заманда өсүп, калыптанып калбадыңбы, сенде да күнөө жок. Эмки чакчелекей заманда башкалардын кудайын да, башка мамлекеттин модасын да, үрп адатын да кочуштап, эсепкорлук менен сүткорлук да ашынып баратат, - Жумабү кызый сүйлөп кирди, - Кээде кубанып кетем, жапжаш балдардын жума күнү колуна жайнамазды алып алып дикилдей мечитке жөнөгөнүн көргөндө, бул би-ир, - деп койду сөөмөйүн сол колу менен басып, - Жа-ап жакшынакай кыздар жарым жылаңач кийинип, чачтарын саксайтып, ооздорун канжалаган иттей кызартып алып, көчөдөн көргөндө адамсыңбы же малсыңбы дебей жөөлөп өткөнү, бул эки-и, - деп Жылдызканды карады, ал жылмайып карап турган эле, - Эмне күлөсүң? - деди ачуусу келгендей.

- Ийи, айта бериңиз, үчүнчүсү.. . - деп койду бүлкүлдөй күлгөн Жылдызкан.

- Эк, силерге кеп айтып болобу? - деп таарынгандай тамакка кашык салып, ичип баштады, - Ушу азыркы жаштар мурункудай эмес, айткан сөздү укпайт, - деп күңкүлдөп алды да унчукпай калды.

Жай тамактанып отурушканда Жоомарт кирди.

- Оо, курсак ачып турду эле, апа, - деп келип эле экөөнү тең өбө отуруп калды. Жылдызкан анын алдына тамак алып келип койду, ичип отуруп, - атам келе элекпи? - деди.

- Жо-ок, келе элек, уулум, Аделя үйдөбү же…

- Ал үйдө болуш керек.

- Анда чакыр, бирдеме ичип алсын.

- Өзү келет да, - деп Жоомарт бурдай тамак ичип жатты.

- Айланайын, окууң жакшыбы, тиги иштериң бүттүбү? - деди байкоостон Жумабү.

- Эбак бүткөн таене, кайра беркилерин каматалы, арызданалы десем Аделя болбой койду, - дегенде Жылдызкан тамагын кыра жөтөлүмүш болуп койду эле, Жоомарт аны караганда оозун кымтып койду.

- Кайсы иш, уулум? - Жумабү суроолуу карады.

- Аа-а жанагы өлгөн кыз менен жүргөндөрдү айтып жатат. Тим койгула эми, аны өздөрү чечип алсын, өлчү кыз өлдү бечара, - Жылдызкан ушинтип койду.

Аделянын "тарыхын" айткысы келбеди ага. Анткени айылдык кары укканын бирөөгө айтса, жайылып кетеби деп чочулады, шаар ичинде анча байкалбайт эмеспи. Жоомарт ичип бүтүп, өз бөлмөсүн карай чыгып кетти. Ал киргенде Аделя уктап жаткан.

- Аделя, Аделя дейм, кечке уктай бербей бирдеме ичип алсаңчы, - деп аны түрткүлөй ойготту.

- Ай кое турчу, уктап алайын.

- Тур дейм, мен кеткенден бери жатып кардың ачты го?

- Жо-ок, ачкан деле жок, тамакты көрсөм кускум келип кетип жатат, - деген Аделя кериле көзүн ачты, - Кеч кирип калдыбы?

- Ооба.

- Жоомарт.

- Оов.

- Мен үйдү сагындым, атамдар дагы келбей калды.

- Сен түшүнсөң, көп иштер болуп кетти, атамдар дагы баш аягын жыйнап албаса болбойт. Эгер кырсык болбогондо, эбак эле кайын журтка барып келмексиң, телефон менен сүйлөшө бер да.

- Сүйлөштүм, апам эртең келип кетем деди.

- Анда жакшы болуптур.

- Жоомарт, Акинайларды көрүп жатасыңбы?

- Көрүп жүрөм.

- Унчуккан жокпу?

- Кечирим сурашты, ошолордун айынан бир кыз өлүп калды, өз күнөөлөрүн билишет да…

- Чыны жаман кыздар экен, ээ?

- Аны ойлонуп эмне кыласың, алар өз жазасын кудайдан табышат, сенин көз жашың соо коймок беле?

- Баары бир эстен чыкпайт го?

Жоомарт унчукпай калды, Аделя туруп ылдый түшүп кетти. Экөөнүн мамилеси абдан жакшы, Аделя гана өзүнчө кысынып турчу, кийинки күндөрү көнүп бараткан. Окуусун сырттан окуу бөлүмүнө котортуп койгон. Бактылуу болуп турган кездери. Эки күндөн кийин Бурмакан келип калды. Жылдызкан бир аз жакшы болуп калган. Кудагыйын жакшы тосуп алып, тамак жасатып коноктоп жатты. Бурмакан ичинен ыраазы болуп отурду, кызынын эч нерсе кылбай керээлден кечке уктап же жасанып-түзөнүп бош отурганы ага майдай жакты: "Тынч отуруп, оор иш жасабаса жакшы болуп кетээр", - деп кудагыйы экөө коньяктан ууртап-татып коюп отурушту. Аделя да отурган.

- Кудагый, уулуңду көрөйүн, Сейитбек экөөбүз тең келели деп, жазгы иштерден колу бошобой калды.

- Эчтеке эмес кудагый, аманчылык болсо баары болот, силер дагы бизди түшүнүп койгула, алдыңарга барып, келинди төркүлөтө албай жатабыз. Ортодо жагымсыз окуялар болуп кетти, кудайга шүгүр орду-ордуна келип баратат.

- Уктум, Аделя чалып айтты, келмек болуп калдык эле, чыкты деп калды, унчукпай калдык. Деги балдардын бактысы жакшы болуп кетсинчи, өзүңөр да аман болгула, карым-катнаш качпайт кудагый, - Бурмакан коньяктан ичкенге, эки бети албыра тамылжый сүйлөп жатты, - Ушул ынтымагыбыздын берекесин берсин, - дегенде Аделя Кубанычты көтөрүп келип калды, - Иий айланайын десе, чоң кудам келдиби? - деп баланы колуна алды эле, ал бакырып ыйлап, чоочуркай Жылдызканды көздөй качып калды. Бурмакан аны мурдунан чымчый өөп, көкүрөгүнө миң сомду кыстарды, - Мейли чоочуркап жатат, көрүндүгүн өзүнө берейин, - деп күлө кайра берди.

- Аделя, алып бара бер, кызым, мен кудагый менен отурайын.

- Макул, апа, - деп Аделя Кубанычты көтөрүп үстүңкү кабатка чыгып кетти.

- Эх куда-ай, ушунуңа шүгүрчүлүк, - деп койду Бурмакан.

- Ооба кудагый, денсоолуктан өткөн байлык болбосо керек, ушу дүйнө мал-мүлкүң да, денсоолук болбосо, көзгө көрүнбөй калат экен го? - Жылдызкан улутуна айтты.

Экөө бир коньякты түгөттү, андан кийин салган эти бышып, алып келишти. Чогуу дасторкондо тамактанышты. Курманбек келип калды, ал кудагыйын көрүп:

- Оо, кудагайым келип калган го, кел кудагый, - деп кош колдой учурашты, - Кудам жатабы жакшы?

- Кудайга шүгүр, жакшы жатат, силерге салам айтты, келе албаганы үчүн кечирим сурады.

- Эмнеге, шартына карайт да, аман-эсен жатсаңар болду. Жылдыз, бу кудагыйга бирдеме алып кел, бир жакшы боорлошолу, - деп бапылдады Курманбек, ал Гүлбүнүн үйүнө барып, бир аз ичип келген эле.

- Тамара, муздаткычтан коньяк алып келчи, - Жылдызкан ары карап үн катты, - Биз кудагыйым экөөбүз да ичип отурдук эле.

- Жакшы болуптур, кудагый келгенде антпесе болбойт. Биринчи тууган, андан кийинки биздин жакын тууганыбыз болот, ысыгыбызга күйүп, суугубузга тоңо турган адамдарбыз да, - Бакылдаган Курманбек коньякты куюп, алдыга койду да, - Кана кудагый, ушул жакшы күн, мамилелерибиздин мындан да бекем болушу үчүн алып коелу! - деди экөөнө карай.

- Ооба ынтымагыбыздын бекем болушу үчүн алалы, - дешип үчөө алып ийишти.

Бурмаканды жакшылап, сыйлап жөнөткөндөн кийин Жылдызкан:

- Кайда жүрдүң, таң эрте кеткен бойдон кеч келдиң го? - деди.

- Фирмага бардым, жаңы буйрутмаларды киргизип, эсептешип, ишкананы кыдырып жүрүп, кеч келдим, - Курманбек калп айтканын билгизбей ары карады, - Бир аз эс алып алайынчы.

- Эс ала бер, мен атамдарга барып келсемби дедим эле.

- Качан, өзүң али дурус боло элексиң, кое турсаң боло?

- Азыр жакшы элемин, эки-үч күн жүрүп келейин.

- Эртең өзүм жеткирип келем анда.

- Макул.

- Кой, чарчадым, эс алайын, - деп Курманбек өйдө көтөрүлүп баратканда, эшиктин коңгуроосу чырылдады, - Карап койчу.

- Ким болуп кетти, балдар чырылдатпай эле кирип келчү эле, - Жылдызкан эшикти ачса, эки милиционер турган экен, - Келгиле, ким керек эле? - деп Жылдызкан элейе карап туруп калды.

- Курманбеков Жоомарт ушул үйдө турабы?

- Ооба, ал үйдө жок эле…

- Анда муну берип коюңуз, биринчи гомго барсын, - деп бир кагазды кармата койду да, артка кайрылып кетишти.

Жылдызкан унчукпай бери басканда, артында Курманбек турган.

- Эмне болуп кетти экен?

- Ким билет, барсын дейт го, дагы бирдеме болбосо экен…

- Өзү сабактан келе элекпи?

- Келе элек.

- Анда келип калаар…

- Сен барып, билип келсең кантет?

- Ырас эле, барып угуп келейинчи.

Курманбек кайра кийинип үйдөн чыкты, ар кайсыны ойлонуп, гомдун начальнигине кирди. Аны көрүп эле ордунан тура калып, учурашты да, орун көрсөттү.

- Ко-ош, эмне жумуш?

- Курманбек Самсалиевич, уулуңуздун атынан дагы бирөө арыз жазып келиптир, адам өлтүргөндүгү үчүн жазасын алсын деп, ошого балдар барган эле…

- Мага ошол арыз жазгандардын дарегин бергилечи.

- Болуптур, мен азыр, - деген начальник кагаздарын карап жатып, бирин алды да, дареги менен аты-жөнүн айтып берди да, - Алар баланы көрүп, сүйлөшөбүз деп жаткан, - деди.

- Өзүм жолугам, эгер булар мындай кылса, мен анда жабылган ишти кайра ачып, тиги эки кызды карматам, - деген Курманбек чыгып кетти.

Ал туура эле Гүлбүнүн үйүнө жетти. Анын келгенин көргөн Гүлбү шашыла эшикти ачып тосуп алды.

- Кайдан, эмне жумуш?

- Иш чатак Гүлбү, тайкең арыз жазыптыр.

- Койчу?

- Койбой эле, милициядан келатам. Гүлиранын өз колу менен жазганын тапкыла дедим, эми кайра мен берем дагы, эки кызды карматып, өздөрүн күнөөгө жыгам. Бул эмне деген жакшылык? - Ачуулана ичкери кирип келди, - Экөөбүз баралы ага.

- Тагамабы?

- Анан кайда бармак элек.

- Мен азыр, кийинип алайын, - Гүлбү ички бөлмөсүнө кирип, бат эле кийинип чыга калды, - Чай ичсең боло?

- Чай иче турган убакпы, мен дагы күрөшчү менен күрөшөйүн.

- Кам санаба, өзүм эле басам, - деп Гүлбү алдыга чыкты да, үйүн бекитип коюп, экөө машина менен жөнөп, Алымкулдун үйүнө тез эле келип калды.

Алымкул эшикте жүргөн. Машинадан түшкөн Гүлбү, тагасынын жанына келип, учурашты да:

- Бул эмне кылганыңыз, кызымды тиги дүйнөдө тынч жаткырсаңыз боло, анын өзүнүн жазып бергендери бар, ал бойдон сиздин арызыңызды карабайт, мен каршымын! - деп ыйлап ийди.

- Анан күнөөлүүлөр жүрө береби, эчтеке болбогондой?

- Күнөө аларда эмес, кыздардын өзүндө, Гүлира менен дагы эки кыз болуп, өздөрү жабышып алышкан экен, түшүнсөңүз боло?

- Кой карындашым, мен алымдын жетишинче киришем, - деген Алымкул болбой, ары басмак болгондо, Курманбек:

- Эгер мен сизге доо арыз жазсам, чама чаркыңыз жетеби? Себеби сиз эч күнөөсүз адамдардын нервине ойноп жатасыз, укугубузду тебелегениңиз үчүн жооп берип каласыз! - дегенде ормое артына кайрылды, - Күнөөсүз экенин далилдеген өлгөн кыздын каты бар!

- Эмне-е…

- Тага, сиз барып арызды алыңыз! Кызым көрүндө тынч жатсын, аны ачтырып, ордунан козгобоңуз.

- Ээх мейличи, өзүң бил! - деди ошондо гана Алымкул, - Бара бергиле, эртең барып алып коем.

- Азыр биз менен жүрүңүз тага, эртеңкиге калтырганга болбойт.

- Макул-макул, азыр кошо барайын, - деп Алымкул алар менен ошол бойдон эле жолго чыкты.

Ошол күнү баарын бүтүрүп, арызды тытып, Алымкулду кошуп кафеге киргизди да, экөөнү жакшылап сыйлап, анан кетээринде Алымкулдун колуна эки миң сом жол кире деп карматып жөнөтүп коюп, Гүлбү экөө калып калды. Гүлбү кайгыдан өңү азып, жаагы шимирилип калган эле. Кыркына жетпей Курманбек Гүлиранын сүрөтүн чоңойттуруп, ак маралдан эстелик тургузуп короолоп: "Курманбек кызы Гүлира. 1988-20.. -жыл", - деп бажырайта жаздырып койду. Анан да этегине: "Атаңдан эстелик", - деп койду. Адегенде көргөн Гүлбү көпкө ыйлады, мүрзөнүн башында экөө бири-бирине ыктай көпкө тигилип, кыздын сүрөтүн карап туруп анан:

- Курманбек, сага ыраазымын, тирүүсүндө аталап эркелей албай калганы гана өкүндүрөт, бейнике төрөдүм деп корунуп, жашап келдим…

- Тагдыр өзү ошондой табышмак болот тура, кокус апам түшүмө кирбегенде, мындай болот беле, болбойт беле…

- Эмне дедиң?

- Апам Гүлиранын өлөөр түнү түшүмө кирди.

- Чынбы?

- Ооба Гүлбү, мен түш деле көрчү эмесмин, кээ-кээде гана ата-энем кирип калчу, - деп Курманбек түшүн айтып берди, - Арбак болсо да: "Өз балаң экенин айтып кой", - дегени мени аябай ойлонтту, болбосо мен текшертип көрмөк болгомун.

- Ошондой де?

- Ошондо-ой Гүлбү, мен аталык милдетимден кутулдум окшойт, калганын өзүң бүтүр, эми мындан ары жолугушпайбыз, үйбүлөм бар. Сен да аман бол.

- Өзүң да аман жүр! - деп экөө басып, машинага келишти.

Шаарга келип, Гүлбүнү үйүнө түшүрдү да, өзүнүн үйүнө жөнөдү. Жолдо келе жатып "Өх", - деп алды. Баардык жүктөн кутулгандай жеңилдей түшкөн эле: "Эми кызым менен уулумду тарбиялоого убакыт жетти. Жылдызкандын аман жүрүшү мен үчүн бакыт, ушул бакытымды кармана билейин", - деп түз жолдо зымырай кетип жатты…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз