Айгүл ШАРШЕН


"Өлүмгө түрткөн ачкөздүк"


- Оой, эже, кандайсыз, денсоолуктарыңыз жакшыбы?

- Баары жайында, өзүң кандай, көрүнүшүң абдан жакшы, бактылуусуң го?.

Экөөбүз ээрчише кыжы-кыйма өтүп жаткан элдин ичинен суурулуп, четке чыктык.

- Эже, мен биякта болуп жатам, бүгүн бир жакшы эс алалы, сизге жолугуп калганым жакшы болбодубу? - деп кубанычтуу кабар күтүп жатканын жетине албай айтып кирди. - Жүрүңүз, тынчыраак бир жерге барып отуралы, - деп менин жообумду күтпөй эле, Кыялдын алдындагы кенен кафеге кирип, четтеги кабинадан орун алдык. Тамак-ашка буйрутма берди да, күлмүңдөй мага көпкө тигилип калды. - Мен азыр башка адам менен жашап жатам, - деди анан.

- Деги бактылуусуңбу?

- Абдан бактылуумун, эже, бирок мен жолуккан жигитти да жакында өлтүрүп кетишти. Уулум чоңоюп калды, улуу баламды да колума алгам, кыскасы жакшы эле… Тунукту төрөгөндөн кийин Сейитке такыр көңүлүм келбей калды. Анткени жүрөгүм башканы эңсеп, күтүп туруп алды. Уулум жетиге чыкканча бирге жашадык, биздин түнкүсүн эрди-катын болуп жүргөнүбүздү эч ким билбейт. Сейит деле ачылып сүйлөбөйт, аялындай мамиле кыла албайт. Кыштын күнү иним Бекболот иштемек болуп, Бишкектен барган экен, эки күн туруп эле иш таап кетип калды. Ошондой тажатма күндөрдүн биринде, маңдайымда жакшынакай жигит пайда болду. Ал күндө бир маал келчү болду, эгер келбей калса, мен кадимкидей жалгызсырап калам, эч нерсеге көңүлүм келбейт. Ошол күнү аны ойлонуп отурган элем, - деп сөзүн баштады.

- Саламатсызбы? - деген үн, аны селт эттирди, баш көтөрүп карай койсо, баягы жигит. - Катуу ойлонуп кеткенсиз го?

- Жо-жок, ойлонгонум жок, - деп Жаузелкан шаша жооп берди.

- Сиз Кыргызстандын каеринен болосуз?

- Чүйдөн.

- Оо, анда жердеш турбайбызбы?

- Кыргызстандыктардын баары эле жердешпиз да.

- Туура айтасыз, менин атым Жуман, тааныш болуп жүрөлү.

- Жаузелкан.

- Атыңыз жакшы, уккулуктуу экен.

- Рахмат.

- Күйөөңүз барбы?

- Ооба.

- Бала?..

- Бир уулум бар.

- Жакшы, - Жуман колун чөнтөгүнө салып, ары-бери басты. - Бул жерде үйбүлөңүз менен турасызбы?

- Ооба.

- Өкүнүчтүү, чынын айтсам, бул базарга сизди көргөнү гана келем, кыскасы жактырып калып, уйку көрбөй таң атырчу болдум.

- Бул сөздү башка бирөө укпасын.


- Ушундай болоорун билгем, - Жуман анын маңдайына келип, көздөрүнө тигилди. - Сезим отун кантебиз, жүрөк каалоосу күчөп баратат, эжекеси.

- Андай болушу мүмкүн эмес.

- Менин жан дүйнөмдүн улуу сезими, жүрөккө тынчтык бербеген купуя сезим…

- Кой, Жуман, сен менден кичүүсүң, байкап турам, бөлөк эл, бөтөн жерде бири-бирибизди алдабай тынч жүрөлүчү.

- Күндө келип алыстан болсо да бир ирет дидарыңызды көрүп кеткенге эс ала түшөм, мурда үйлөнгөм, азыр бойдокмун, - деп эңкейе калып, Жаузелкандын колун кармады, - демек, жаш эмесмин.

- Жуман, күйөөм угуп калса, эмне болот? - деп келин эки жагын элеңдей карады.

- Жок дегенде, сунушумду кабыл алыңыз.

- Ойлонуп көрөйүн.

- Анда мен кеттим, бүрсүгүнү келем, - деди да, колун кысып коюп, жөнөй берди.

Жүрөгү элеп-желеп болгон Жаузелкан, эртеси жумушка чыкпады, оорудум деп жатып алды. Сейит чыгып кеткенден кийин: "Эмне, мен картаң адам менен түбөлүк жашап өтмөк белем, жо-ок, мен дагы бактылуу болушум керек" деп ойлоп өзүн жасап, кийинип эртеңки жолугууга даярданып жатты.

Сейит соода кылып отурган, түш ооп калганда Жуман басып келди, ары жак, бери жакты карап туруп:

- Саламатсызбы? - деди.

- Саламат, - Сейит чочуп, жигитти бүшүркөй карап калды.

Ал бу жигитти туугандарынын балдарына же таанышына окшоштуруп бир карап койду, бирок жигит кайра кайрылып:

- Бул жерде сиздин кызыңыз отурчу беле? - деп сурады.

- Кандай кыз? - Сейит түшүнбөй кайра жигитке суроолуу карады.

- Соода жасап отурчу кызчы?

- Аа, Жаузелканбы? - Сейит ага аялым деп айта албады.

- Ийи, ооба-ооба, ал келген жокпу?

- Ооруп калыптыр…

- Эртең келээр бекен?

- Билбейм.

- Карындашыңызбы?

- Жо-ок…

- Жаузелканга салам айтып коюңуз, - деди да, Жуман ары басып кетти.

Сейит анын артынан карап калды, "Мында бир сыр бар, эмнеге аны сурады, экөө көптөн бери таанышпы?" деп түпөйүл ойдо көпкө отурду. Кечинде келип, Жаузелкандын өзгөрүлүп калганын көрдү.

- Башың оорубай калдыбы? - деди ал эчтекени байкабагандай.

- Жакшы.

- Бир жигит келип сени сурайт, тааныш окшойсуңар? - деди өйдө карабай күңкүлдөй.

- Ким деген экен?

- Атын айтпады.

- Аа-а, классташым келип калчу эле, ошол го, классташтар чогулабыз дегендей кылып жаткан, - Жаузелкан дароо калп айта салды.

- Салам айтып кой деди.

- Саламат болсун.

Жаузелкандын жүрөгү дүкүлдөп, өзүнөн-өзү толкунданып кетти: "Эмне экен, эгер сүйүп калса макул болом, мен ушул чал менен өмүр өткөрмөк белем, баланы өзү багып алсын, мен дагы сүйүүгө татыктуумун, өзүмө-өзүм ээмин, кармай албайт" деген ойдо болду. Сейит үңкүйгөн бойдон унчукпады, жүрөгү түпөйүл тартып, Жаузелканды астыртан карап койот: "Менин тагдырым тайкы болду, а бул кантет, жеңилдик кылып бирөөнү ээрчип кетсе, кандай болот, балким ал убактылуу алып жүрүп, таштап койсочу?" деп ойлоп да өзүнчө кыжаалат.

Эртеси Жаузелкан майрамдагыдай кийинип чыкты, конокко барчудан бетер кычыраган өзүн кайра-кайра күзгүдөн каранып коюп, товарын жайды. Негедир ошол күнү соодасы да жакшы болуп жатты, эртеси эрте барып, товар алаар күн эле. Түш оой Сейит акмалап, алыстан карап турду, баласын ээрчитип алган. Бир кезде Жуман келип, Жаузелкан менен учурашып, колунан өөп калды:

- Керемет жансыз го, кечээ күнү көрбөй калып жаман болдум, сиздей жамалы жайнаган келин жанымда жүрсө кана…

- Тамашакөй экенсиңер, - Жаузелкан да ойкуштай күлүп койду.

- Жаузелкан.

- Ийи.

- Сиз бактылуусузбу?

- Эмнеге минтип сурадыңар?

- Деги да, мен сизди сүйүп калдым, эгер сизди сүйгөн жарыңыз болсо, өзүмдү гана ойлонуп бактыңызды бузуп албас бекенмин?

- Бактылуу элемин…

- Кечээги адам эмнеңиз болот?

- Чынын айтайынбы же калптыбы?

- Чынын.

- Эрим.

- Койчу?

- Чын эле, балам бар.

- Эмнеге, сизди сүйүп калганбы?

- Ошондой го?

- Кыз-зык, мен агасы же тууганыдыр деп ойлогом.

- Тагдыр деген ошондой табышмак экен… - Жаузелкан муңая жер тиктеди.

- Да-да-а, ушундай экен да…

- Мен жөнүндө билдиңиз, эми жолуңуз менен болгонуңуз жакшы го?

- Кубалабачы, Жаузелкан.

- Эмне дешим керек анан?

- Мен сени сүйүп калдым… - Товар коюлган үстөлгө сүйөнө эңкейди да, колунан кармады. - Мен бул жерде бир компанияда иштейм, үйүм бар, макул десең түз эле алып кетейин.

- Жуман, бекер кылып жатасың, чакан болсо да үйбүлөм бар, ойлонбой туруп басып кеткидей жаш кыз эмесмин.

- Мен сени сүйөм, Жаузелкан, жумушумду таштап, ушул жерди айланчыктап жүргөнүмө бир ай болду, - Жуман келиндин колун бекем кармап, өзүнүн жүрөк сезимин айтып жатты. - Үйдө эле отурсаң болду, колуңду жумушка тийгизбейм, колумдан келишинче сени сыйлап алам, - Колун өзүнө тартып, өөп койду.

- Жуман, мен эч кандай сөз угууга даяр эмесмин…

- Дагы эки күн убакыт берем, эки күн келбейм, үчүнчү күнү келгенде, биротоло той кийимин ала келем, машина менен келем!.

Жуман ушинтти да, шарт бурулуп жөнөдү, Жаузелкан эч нерсе дей албай селдейе карап кала берди.

Баарын көрүп турган Сейит уулу колунан тартып:

- Ата, апама баралычы, эмнеге биерде турабыз? - дегенинен эсине келди. - Мен апама барам.

- Жок, балам, биз үйгө барабыз, үйдөн тамак жасай берели, - деди да, Тунукту колдон ала үйдү көздөй тез-тез басып жөнөдү. "Демек, Жакен соо эмес, бул экөөндө бир сыр бар, кетем десе кантип кармап калам, жашым өткөндө дагы бойдок каламбы? Баламды алып айылга кете берейин, бүгүн аны менен ачык сүйлөшүшүм керек" деген ойдо уулун колунан жетелеп, шашылыш басып баратканын өзү да сезбеди.

- Ата, бутум ооруп кетти, шашпай басчы, - деп Тунук ыйламсырап ийди эле, ошондо гана эсине келди.

- Мына, уулум, жай басайын, шашып баратканымды кара, - деди уулун карай, бала тердеп кеткен экен.

"Аянычтуу жашоо кечирдим, бекер кылган экенмин, баары бир өмүр бою жашырынып жашай алмак эмеспиз, бактылуу болсун. Жибегим эрте өлбөгөндө, биз бактылуу жашамакпыз, жүрөгүм менен берилип сүйдүм эле, байкушум десе, көптөн бери түшүмө да кирбей калды. Менин кыйналганымды билип жаттың бекен" деп батирине келди. Көпкө ойлуу отуруп, анан өзүн алдыда болчу өзгөрүүгө даярдап, кечкиге тамак жасаганга киришти. Жайкы саратан бүтүп, күздүн алгачкы сыдырым жели согуп, жашыл дарактардын бариктери саргая баштаган. Бирок күн дале жылуу. Жаузелкан күндөгүдөн эрте келди, кабагы салыңкы. Сейит жасаган тамагын алып келди. Уулу апасы алып келген таттууларын жеп, өзү менен өзү. Тамак ичилип бүткөн кезде Сейит сөз баштады:

- Жакен, мен айылга кете берейин, сен иштей бер, Тунукту алып, айылда болгонум оң го?

- Эмнеге?

- Жөн эле, менин айылга кеткеним дурус окшойт.

- Өзүңөр билгиле…

- Балким, жакында Бекболот келет, ал сага жардам берет.

- Мейли.

- Сен этият бол, биз эртең эле жөнөй берели.

- Адегенде белет алыш керек да.

- Аа-а, ырас эле, эртең белет алайын.

- Мен силерди жөнөткөнгө даярдык көрөйүн.

- Мейли, - деп көңүлсүз айтты да, жеңилдегендей болду, негедир ушинткенди туура көрдү, түбөлүк эки дүйнө болуп жашабагандан кийин ушул туурадай сезилди. Беш-алты жылдан бери бир төшөккө баш койгону менен эрди-катындай эзилишип жатпайт, суз, өз милдеттерин аткарып койгон соң, эки жакты карап жатып алышат. Бул жашоодон Сейит өзү да тажап бараткан экен, көрсө. Жуп кетээрде Сейит:

- Этият бол, баарын байкап, терең ойлонуп чеч, кийинкиңди ойло, - деди сырдуу.

- Эмнени айтып жатасыңар?

- Кечээги жигитти, сен айтпасаң да билем, азгырыкка алдырба.

- Пешенемден көрөм, ансыз да көпчүлүк элден таптакыр башкача тагдыр мени сындырып ийип, күйгүзүп баратат. Же бакыт мага жылмаяр, же биротоло шорго малынаармын.

Жаузелкандын көзүнөн жаш мончоктоп жатты. Тунукту бетинен өөп, суз коштошту да, поезд жөнөп кеткенче бир ордунда селейип карап турду. Анан кадамын жай таштап, унааны күтүп түштү да, батирине келип өпкөлөп ыйлап жатты. Эртеси кадимкидей эле базарга чыгып, товар алды, эми жайып жатканда жаңы үлгүдөгү жеңил машина маңдайына токтоду. Гүлдү бетине кармаган Жуман өзүн көздөй келе жатканда жанындагылар соодасын таштап, жабыла карап калышты.

- Салам, менин сүйүктүүм! - деп Жуман гүлдү ийиле Жаузелканга сунду да, - сиздин жообуңузду күтөм! - деди.

- Жума-ан! - Жаузелкан көздөрүн жоодурата оозун колу менен басып күлүп жатты.

- Мен сага айткамын, үчүнчү күнү келем деп.

- Койсоңчу, Жуман, баланын ишин жасап жатасың, биз бири-бирибизди үч гана күндөн бери билебиз, сен мени, мен сени жакшыраак билбей эле минте бергениң болбойт, - Жаузелкан гүлдү кармап алып, ойлуу сүйлөп жатты. - Мен азырынча жооп бере албайм.

- Жаузелкан, макул, аныңа көнөм, жүрү ресторанга же бир жерге барып, тамактанып келели, жок дебечи! - Жуман түз эле ал отурган жакка өтүп келди. - Суранам, жок дебе…

- Бир гана саатка, - Жаузелкан күлүп калды.

- Болду, ошол эле жетет, сизди бир мүнөт көрсөм дагы мен үчүн зор бакыт!.

Колундагы гүлдү алып, товарын жыйнамак болду.

- Тим эле кой, кайра келгенче жаап койом.

- Жо-ок, болбойт, жыйнап койолу, - деп Жуман болбой эле, жыйнай баштады. Жаузелкан унчуга албай калды, арыдан-бери жыйнап, анан жеңил машинанын алды жагына отургузду да, жөнөп кетти. Кенен, чоң залдан өйдө көтөрүлүп, үстүңкү кабатка чыгып келип, четки орундукка отурушту. Буйрутма берип, анан Жуман төш чөнтөгүнөн кутуча алып чыкты.

- Жуман, мынчалык убара болуунун кереги жок эле…

- Бул убарачылык эмес, менин жүрөгүмдүн каалоосу, жан дүйнөмдүн аруу тилеги, - деп Жуман кутучаны ачып, ичиндеги көздүү шакекти колуна алды да, Жаузелкандын колун өзүнө тартты. - Ак сүйүүмдү кабыл алууңду өтүнөм! - Отургучтан өйдө болуп, келиндин маңдайына отура калды. - Менин сага деген ак сүйүүм ушул шакек менен бирге сага сунулат!

- Жуман…

- Сүйлөбө, кабыл алдыңбы сүйүүмдү?!

- Айта албайм, сен жакшылап ойлонушуң керек эле, Жуман.

- Мен эчак ойлонуп, чечип койгомун.

- Кечирип кой, мен айталбайм, - Жаузелкан ыңгайсыздана эки жагын карап, уялып кетти.

Жуман анын аты жогуна шакекти салып туруп, өөп койду:

- Кийинки айда ата-энеме барабыз, мен көп окуп, алыста көп жүрүп калдым, мени абдан күтүп жатышат.

- Жуман, мени осол кылып койдуң, менин дагы сезимим менен эсептешишиң керек эле, бул сенин буйругуңбу же каалооңбу?

- Буйрук эмес каалоом, сени көргөндөн бери мен эч нерсени көзүмө да албай калдым…

- А менин уулум, үйбүлөм сени кызыктырбайбы?

- Жакен, мен сенин үйбүлөңдү ойлосом, мени ким ойлойт? Сезим отунун суу сепкендей жалп деп өчүшү кандай жаман, сен экөөбүз көңүл майрамын майрамдайбыз, түбөлүк бири-бирибизди сүйүп өтөбүз.

Жаузелкан отургучту анын жанына жылдырып, жакын отурду, аңгыча официант тамак-ашты алып келип калды.

- Жуман.

- Ийи.

- Кай жерлик болосуң?

- Чүйдөн болом.

- Кайсы жеринен?

- Чоң-Арык деген айылды билесиңби?

- Ал айылда менин апамдан калган үйүм бар да, - деп көчөсүн айтканда Жуман таң калгандай:

- Ал жерде качан жашадың эле? - деп сурады.

- Алты жыл мурун, аерди батирге эле берчүбүз, мен көп деле жашаганым жок.

- Ошондой, болбосо мен сени таанымакмын да.

- Жакшы болду, сен экөөбүз эми бириге албайбыз, - деди ойлуу.

- Эмнеге?

- Ошондой, ал айылга мен баралбайм.

- Түшүнбөдүм.

- Айтканда дагы түшүнүшүң кыйын, андан көрө ушундайда эле тынч болгонубуз жакшыдыр…

- Бул жакта жашай берсек кантет?

- Ата-энеңдин алдына баары бир келинчек алып барышың керек го? - Жаузелкан аны сынай карады. - Ырасында ал айылга барбай койоор кылмышым деле жок дечи, жөн гана баргым келбейт, үйдү сатайын деп ойлогом, картайганда кыйналбайын дейм…

- Ой, алтышка десе, мен сага үйлөнөм, менин тапканымдын баары, бүт дүйнөм сеники, жадагалса өзүм дагы сеникимин, бала-чакалуу болуп, бактылуу өмүр сүрсөк, сен балпайган кемпир, мен чал болом, балдарыбыз бизди бапестеп багышат. - Жуман тамактарды жылдыра, кашык менен айрыны койуп, сүйлөп жатты. - Экөөбүз жетелешип, неберелерибизди эркелетип ойнотуп, бактыбызга кубанабыз…

- Баланын сөзүн айтасың, Жуман.

- Эмнеге, мен тилегимди айтып жатам, аа-а, мейли, тамактаналы, - деди Жуман.

Көпкө унчугушпай калды.

- Бир сааттан ашып кетти, мен соода кылышым керек эле, Жуман, сөзүң бүтсө уруксаат бер эми. Дагы жолугуп туралы, анан көрөбүз, бүгүн эле жооп бер дебе. Жашоо оңой эмес, сен дагы, мен дагы терең ойлонуп, чечишибиз керек.

- Азыр биздин үйгө барасың, мен жашаган үйдү көр, анан жеткирип койом.

Жуман аны колунан ала тепкич ылдый жетелеп түшүп, машинасына отургузду да, зуулдаган бойдон бийик кабаттуу үйлөргө келип, машинасын стоянкага токтотту. Лифт менен алтынчы кабатка чыгып, үч бөлмөлүү үйгө киришти, үй ичи абдан жасалгалуу экен, кирсе чыккыс дегендей эле бар.

- Оой, ушундай үйдө жалгыз турасыңбы?

- Эмне кылам анан, кыздар көп, мени жактырганы мага жакпайт, ошентип бойдок болуп жүрөм. Кызматчы бар, жаш кыз, чакырганда келип, кир-когумду жууп, тамак-ашымды жасап, үй жыйнап берет, айына төлөп турам.

- Ох-хой, президенттей эле жашайт экенсиң го?

- Эми ар бир адамдын өз жашоосу бар да, Жакен. Мен сени абдан жактырып калдым, ушул үйгө, баарына ээ болуп берчи, Жаузелкан! - деп Жуман бет маңдайына келип, эки ийнине колун койду. - Мен сени эч жакка жибербейм, менин гана эркем болушуңду каалайм!

- Сен бир нерсени ойлонбой жатасың, менден кичүүсүң, анан дагы күйөөм, балам бар, сен мени түшүнүшүң керек, Жуман.

- Жок-жок, эч нерсени уккум келбейт, - деп турган жеринен так көтөрө, диванга алып барды. - Сени эч кайда кетирбейм, ушул бойдон меники болушуңду каалайм, - деп ой-боюна койбой өпкүлөп жатты. - Мен жокто Валяны чакырып берем, ал сага иш кылдырбайт, мен эки-үч күндөп, жумуштап кеткенде коркпойсуң.

- Жуман, бүгүн үйгө барайын, дагы эки күн бер, жакшылап ойлоноюн.

- Күйөөңдөн кызганам, - деп бетинен чоп эттире өөп койду.

- Күйөөм жок, батирдин акысын төлөп койгом, жалгыз элемин.

- Ой, жинди-и, анан эмнеге күйөөм бар дедиң?

- Алдадым.

- Алдаганыңды көрсөтөм азыр сага, - деп дивандан тургузбай өпкүлөп жатты. - Эмнеге мени алдадың?

- Болду эми, мен товарларымды жоготуп албайын. - Жаузелкан күлө аны түртүп, өйдө болду. - Мен үчүн товарым бир топ акча.

- Болуптур анда, экөөбүз баралы дагы, дүңүнөн берип ийели, аерге эми отурбайсың, батириңден барып, керектүүңдү алып келели, - деп Жуман болбой эле кошо чыкты.

Экөө кайра базарга келишкенде элдин баары дагы жардана карап калышты. Жаузелкан бирине:

- Товарымдын баарын алган баада сатам, - деди эле, Кыргызстандан баргандар тегеректеп, алеки саатта баарын талап кетишти.

Кечке маал Жаузелкан базардын базаркому менен сүйлөшүп, орунун сатмак болуп жатты. Ошентип, ал маселесин да чечип, эки-үч күндөн кийин акчасын алмакка дайындап, арыраакта күтүп турган Жуманга карай басканда, артынан өзүн чакырган үн угулду. Бирок ким экенин тааный албады, бир келин жаш баласын көтөрүп, бери келе жаткан эле.

- Жаузелкан, токто, Жаузелкан!

- Сиз кимсиз? - Жаузелкан токтоп, аны карап калды. Кебетеси абдан жүдөө, арыктап, өңү азгын аялды кайдан көргөнүн эстей албай турду. - Сиз мени кайдан тааныйсыз?

- Сен мени тааныбай калыңбы? Мен Замира эмесминби? - деди ал жанына келгенде. - Жаузелкан, сенин жолугуп калганың жакшы болбодубу, бүгүн кайда барам деп айлам кетип жатты эле. - Замира ыйлап ийди.

- Замира, сен биякка качан келдиң эле?

- Бир жылдан ашты, ушундай акыбалга түшүп калдым, же баламды бакканга же өзүмдү караганга болбой калды, Жаузелкан, батирдесиңби өзүң?

- Ооба.

- Эптеп каралаш, досум, экөөбүз кандай курбу элек, мен адашып келип алып, азабымды жедим, - деп Замира ыйлап жатты.

- Кой, ыйлабачы, жүрү батириме алып барайын, - Колундагы баласынын ороосу да, өзүнүн кийген кийими да абдан кир. Жаузелкан Жуманга карады. - Сен азыр бара бер, мен Замираны батирге жайгаштырып койойун.

- Чогуу эле баралы, ошондон ары биз кете беребиз да? - Жуман ага болбой туруп алды.

Эки келинди батирге алып келди, кийим-кечесин даярдап, ашыкча кийиминен Замирага берди, анан тамак-ашын көрсөттү.

- Бир айдыкын кечээ эле төлөп койгом, эки-үч күнгө тамак-аш жетет, андан кийин кайда барасың эми, мындайды билгенде товарды сатпай, сени отургузуп койсом, эптеп жашап кетмек экенсиң.

- Жо-ок, Жаку, мени издеп жүрөт, качып чыктым, базарга отуралбайм, эптеп айылга баламды алып кетсем жакшы болот эле…

- Мейлиң анда, бүгүнчө жатып тур, балаңа сүт алып бер, орундун акчасын алсам сени жөнөткөнгө аракет кылам, - деп Жаузелкан коштошо чыгып кетти.

- Сен кайда, Жаку?

- Мен эртең келип сүйлөшөм, бүгүнчө отура тур, ээ?

- Макул, - деген Замира ага суктана карап кала берди.

Замира Бишкектеги үйүнүн жанындагы коңшусу болчу. Экөө кийинчерээк бирге басып, бир туруп калышкан. Ата-энеси канча урушса да, үйүнө жолобой жүрүп, акыры аны кууп чыгышкан. Агезде Жаузелкан менен Сейит жашыруун иштери билинип калгандан коркуп, Москвага жөнөп кетишкен болчу. Замира өзүнө окшогон кыздар менен көчө таптап жүрүп, акыры беш кызга кошулуп, паспортун бир аялга берип, Россияга келген. Келген күнү тосуп алгандар бешөөнү беш жакка бөлүп кетишти, Замира дагы өңдүү-түстүү кыз эле, аны бир түрккө окшогон неме дароо врачтарга текшертип туруп, төрөп берип, анан кетесиң деп кайтартып койду. Кийген-ичкени ойдогудай, бир бөлмөдө керээли кечке кино көрүп, телевизор тиктеп жатып тажап да кетти. Төрөөрүнө аз калган, бир күнү тиги бөлмөдөн сүйлөшкөн сөздөрдү кулагы чалып калды.

- Жылдап бакканыбызга жараша баланы сөзсүз алып калып, өзүнө тыйын-тыпыр берип, кетирип жибериш керек, - деди бири.

- Койо бергенде эмне, көзүн тазалап салыш керек, мындай кыргыз кыздары ансыз деле жолдо калып жатпайбы, кимден көрмөк эле?

- Сөзсүз ошентиш керек.

- Бүттү, баласы өзүнчө баа болот.

Орусчаны жакшы билген Замира алардын сөзүн угуп, коркконунан кыймылдабай жатып калды. Эптеп качууну ойлонуп жатты. Эки күн Жафар эч жакка чыкпады. Анан бир жакка бармак болгонун айтып, кароолчусуна катуу дайындап кеткендей болду. Кароолчусу босогодо, үстөл коюп отуруп алган. Аны улам карап коюп, терезеде көпкө турду. Бир кезде ал, ажатканага кеткенде даяр турган Замира шашылыш үйдөн чыгып качып жөнөдү, жүгүрүп баратып, мусур челектин жанына келди да, эки темир жашиктин ортосундагы үйүлгөн эски-уску таштандыларды жамынып жатып алды. Күздүн күнкү ысыкта сасыган таштандыдан думугуп, кускусу келгенине карабай кыймылдагандан коркуп көпкө жатты. Тумшугун ачып алып, караңгы киргенче зорго жатты, ичиндеги баласы бүлк-бүлк этип, буту-колу уюп, кыйналып кетти. Анан караңгы, төтө жолго түшүп, башы оогон жакка кетип баратты. Чарчаганда бийик кабаттуу үйдүн түбүнө келип, жөлөнүп отуруп калды. Ал ошол жерге катуу уктап калган экен, бирөө түрткүлөп жатты:

- Эй, бул жерде эмне жатасың, тур өйдө.

- Аа-а, - деп эптеп өйдө болду.

- Боюңда дагы бар экен, кайдан жүрөсүң? - Кыргыз киши аны карап, боору ооруй карады. - Эмне биерде жүрөсүңөр?

- Аке, менин эч кимим жок, же колумда тыйыным жок, - Замира ыйлап жиберип, онтолой зорго турду.

- Ушундай абалда кайда барасың эми?

- Билбейм.

- Мен деле батирде турам, аялым экөөбүз эптеп соода кылабыз, жүр ошолорго алып барайын.

- Жо-ок, аке, мени таап алса өлтүрөт.

- Ким?

- Мени жумуш таап беребиз деп алып келишкен, бир жылдан бери камап жатышты, - деп эки жагын элеңдей карап, баарын айтып берди.

- Анда жүрү биерде да кыргыздар бар, ошолорго дайындайын, анан кечинде өзүм келип алып кетем, макулбу? - деди да, көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кирип, биринчи кабаттагы бөлмөнүн эшигин ачты. - Ээ, Роза, чыкчы бери, - дегенде ичкериден чыккан аял ал киши менен Замираны алмак-салмак карап туруп калды.

- Эмне болду?

- Бул келинди кечке чейин үйүңө отургузуп турчу, мен келип алып кетем.

- Мейли, кир-кире бер.

- Рахмат, аке, - деген Замира тарткынчыктай ичкери кирип, чоочуркай туруп калды.

- Бу заман эмнеге алып келип такап койду, эли жерибизден безип калдык, бут чечип жатмай жок, - деп Роза, наалый эшигин жапты да, Замирага өйдө өт дегендей колун жаңсады, - Тартынбай өтүп, отура бер.

Бир аздан кийин сүйлөшүп отурушту.

- Биздин элге көз тийдиби, уул-кыздарыбыз эмес мына бизге окшогондор деле иштейбиз деп, эл-жерден азып жүрөбүз, канча кыздар төрөп таштап кетип жатат, кээси атайын өлтүрүп ыргытат, ит жеген наристелерди көрдүк, - деп кейип-кепчип жатты. - Ушул бөлмөдө он бештен ашык адам жашайбыз, мен бүгүн ооруп калып калгам, болбосо үй бек болмок.

- Эже, элчиликке кайрылып көргөнсүздөрбү?

- Жок ай, ага барып эшик күзөтүп, жумуштан калганча соода кылып алганыбыз жакшы эмеспи.

- Мен билсем кайрылат элем, мен эми барсам, ошол аялды сотко берем, - деп Замира ыйлап жатты.

Ошол күнү анын толгоосу башталып, төрөмөк болгондо, Роза төрөтканага алып барайын десе болбой койду. Кечке маал уул төрөп алды. Розага абдан ыраазы болду. Кечинде аны алып кетмек болуп келген Камбар унчукпай кайра кетти. Жумушунан келген аялдар, кыздар анын көңүлүн жубатып, колунан келгендерин берип, тыйын-тыпыр да карматып, кубанып жатышты. Ал тургай наристени киринтип, шейшептерден жалаяк жасап, ороп-чулгашты. Атын Таалай койолу дешип бапыраңдап калышты. Замиранын эси-дарты баласы менен кантип жан сактоодо болуп турду. Ал күнү жаны жай ала тынч уктады, бирок он-он бештей адам кысылып, бут койоорго жер калбаган булардын арасында калууга болбосун билди, бир күнгө өгүз өлбөйт дегендей эптеп чыдагандарын түшүндү. Анткени жаңы төрөлгөн наристе какылдап ыйлап, кечке иштегендердин тынчын алды окшойт. Эки күн эптеп аерде болуп, үчүнчү күнү Камбар күүгүмдөтө алып кетти. Замира күндүзү басуудан коркуп жүрдү, Жафар түтүндү түрө издеп жаткандай сезилет. Камбардын аялы да шакылдаган неме экен, Замираны адегенде жакшы эле кабыл алды, аерден дагы кыргыздар баласына кийим-кече, сүт кашасын алып берип, өзүнө да бир аз тыйын беришти. Бир жумадай тыңып да алды. Канча далалат кылган менен алардын деле тапканы өздөрүнөн ашпаганы байкалды, бир жумадан өтүп калганда, бара-бара аны сүйбөй калышты. Бирок эптеп ишин жасап, кирин жууп, тамагын жасап, бир айдай аерде болуп анан:

- Эжеке, - деди Камбардын аялына. - Мендей бечаралар толгон жакка кетейин, кыш түшсө балам экөөбүз кайда бараарыбызды билбей да калдым, ыракмат сиздерге, ыраазымын, эжекебай, өлбөгөн күндү эптеп көрөөрмүн, - деди ыйлай баштыгын көтөрө.

- Эми менде да айла жок, өзүң көрүп турасың, эки балам болуп иштейбиз деп келип алып, эптеп жан сактап жатабыз, айылда да балдарыбыз бар, - деди ал нымтырай. - Колубуздан келген жакшылык ушул, - деп кетээринде эки жүз рубль карматты.

- Рахмат, эжекебай, ошол шүмшүктөргө кармалып каламбы деп коркуп жатам, болбосо тааныштарды издейт элем.

- Дагы жакшы адамдарга жолугуп калаарсың, жаш балаң менен сага деле кыйын, - деди да, узатып койду.

Баласын бооруна кысып алып, Замира көчөгө чыкпай эл жок жер менен басып кетип баратып, бир орус кишиге жолугуп калды. Ал алтымыштарга барып калган адам экен, атайын кайрылып, сүйлөп калды:

- Сен ушул жерде жашайсыңбы?

- Жок, - деп ылдамдай басты келин.

- Кызым, токтой турчу, - деди анын орусчаны сүйлөгөнүнөн улам, - мен үйүмдү батирге берейин дегемин, эгер батир керек болсо арзан эле.

- Жок-жок, керек эмес, рахмат сизге, - деп кеткенче шашты.

Анан базарды сурады, кыргыздардын базарын издеп келип, Жаузелканга жолугуп калды. Жалгыз калып, ушуларды ойлонуп ыйлап отурду, ыйлай берчү уулу дагы өз үйүнө келгенсип мемиреп уктап калды. Туруп, тамак жасап ичти. Анан төшөк салып жатып алды: "Жаузелкан бактылуу экен, ал дагы эле шикарный жигиттер менен жүрөт тура. Мен эмнеге шаарга келдим экен, жолдон адашып калдым, эми кандай болот? Бала менен айылга барганда, чекемден сылап тосуп алчу ким бар, ата-энем болсо өлгөн кыздын бири деп коюшкан, кайда барам? Жаузелкан келсе ага айтайын дагы, эптеп балдар үйүнө эле берейин" деп ойлонуп жатты.

Эртеси Жаузелкан батирине бара албады, анткени Жуман эртеси эле экөөнө нике кыйдырып, жоро-жолдошторун чакырды, шаракташып кечке үйүндө болушту.

- Жакен, айтчы бактылуусуңбу?

- Аябай!

- Жа-аным десе… - Экөө жумшак, кымбат баалуу диванда аймалашып жатты.

- Жакен, тез эле айылга барып, атамдарга бир көрүнүп келели, менин жумушум бул жакта эмеспи, кайра баса беребиз.

- Качан баралы дейсиң?

- Мен отпуска алам, анан барып, бир жумадай жүрүп, анан баса беребиз, антпесе алар мени качан үйлөнөсүң деп, жан койбой жатышат.

- Бир аз көнүшөлү…

- Ардагым менин, сени мен жүз жылдан бери таанычудай эле көнүп баратам, - Кучактап бооруна кысты. - Айтчы, сен дагы мени жакшы көрөсүңбү?

- Ооба.

- Жаным менин, сени жолуктурган жаратканга рахмат. Жакен.. .

- Ийи.

- Сен мурда сүйүп көрдүң беле?

- Жок, сүйүүнү отуздан оогуча көргөн-билген эмесмин.

- Кантип эле?

- Чынын айтайынбы? - Кыткылыктап күлүп жатты. - Мен сүйүп турмушка чыккам, анан аны бирөө өлтүрүп кеткен.

- Баягы адам ким?

- Албы, ал менин өгөй атам.

- Аа-а, ошондойбу, жаным, ал кайда жашайт?

- Айылга кетти, биякта жүрө албады го?

- Иий.

- Эми сурооң бүттүбү?

- Ооба, ал эми мени сүйөөрүңдү ачык айткан жоксуң го, жаным.

- Кайра-кайра сүйөм дей бергенден көрө, айтпай сүйгөн жакшы го дейм, мен сени мурун келип-кетип жүргөнүңдө эле жакшы көрүп калгам. Өтө кызыл бат оңот дегендей катуу сүйүшкөн деле болбойт окшойт, башкысы сыйлашып жашаганга не жетсин.

- Туура айтасың.

- Сен аялыңды сүйүп үйлөндүң беле?

- Ооба, аны укмуштай сүйгөмүн, Жакен, ушул убакка чейин ал менин жүрөгүмдө жашап келе жатат, түшүмө да көп кирет, балким аны ойлой бергенимден уламбы деп ойлоп калам. Сен менин сөзүмө капаланба, ээ. Анткени чындыкты айттым.

- Балалуу болгонсуңарбы?

- Ооба, бир балам бар, ал мени билбейт дагы, - күлүп койду. - Мени байке дейт.

- Жакшы экен.

- Жакын туугандарың барбы, Жакен?

- Жакындарым деле жок, таенем бар имиш, барып көрө элекмин, мени өгөй атам багып алыптыр да.

- Аа-а, - деп койду Жуман. Көпкө чейин сөздөрү түгөнбөй жата беришти. - Мен компаниялар менен контракт түзүп иштешем, тапканым жакшы, жакында экөөбүз Америкага барып келебиз, көргөзүп келем, ээ?

- Макул, мынча болду эрк өзүңдө, - Эркелей мойнуна колун артты.

- Мына-мына, эми ачылдың.

- Мен сага ишенбей жаттым, кантип эле дароо үйлөнө койсун деп ойлогом…

- Жинди десе, эмне көңүлүң калды беле?

- Жо-ок, болгону соода жасаган кишиге ашыкча көңүл ачуунун эмне кереги бар?

- Акылдуум десе, билесиңби бул шаарда өзүңө этиет болбосоң болбойт. Заматта алдамчылардын капканына түшүп, кээси өлүп тынса, кээси айтканы менен болуп, эптеп качып кутулгандар бар, - Жуман аны жан-алы калбай өпкүлөп, кучактаган бойдон көзүн жумду. - Сенин бактылуу болгонуңду көрсөм, анан өзүмдү бактылуу деп эсептейм, - Кучагынан бошотпой жатып, - уктайлы ээ, жаным, - деди.

- Ийи, менин дагы уйкум келди.

- Баса, өгөй атаңдын аялы барбы?

- Ыя? - Жаузелкан чоочуп кетти.

- Апей, эмнеге чочудуң?

- Чочуган деле жокмун, атам апам өлгөндөн кийин үч-төрт аял алыптыр, андан кийин албай эле жүрөт, бир аялынан эркек баласы бар, менин баламды да багып жүрөт.

- Иий да, - деп койду Жуман.

Ошол бойдон экөө тең унчукпай калышты. Жаузелкан Жумандын ичкилик ичпегенине ичинен кубанып, бул күн түшү же өңү экенин билбей жүрөгү өрөпкүп турганы менен сыр билгизбей: "Кудай ай, чын эле мен бактылуу боломбу, Жуман чын сүйүп калдыбы, сүйүп калганы чын болсо, өмүр бою ушу менен жашап өтсөм экен. Сейитти айтпай эле койбой, айылдагы эл ушак кылбайт болду бекен, же эмдигиче бизди ушак кылып айтып жүрүштү бекен? Бекболот укса эмне дейт, ал дагы таарынып кеткен бойдон дайыны жок, мени таппай калат го, эртең Замирага дайындап келейин" деп ойлонуп жатып уктап калды. Эртең менен турса, Жуман тооктун этин кууруп, күтүп отуруптур. Валяны чакырып койгон экен, ал кечээги идиш-аяктарды жууп-тазалап жатыптыр.

- Кутман таңың менен! - Жуман ага гүл искетип ойготту.

- Оо-ой, - Жаузелкан түнкү көйнөкчөн туруп ажатканага кирди, анан ваннага ырахаттана жуунуп чыкты.

- Кандай уктадың, периштем?

- Эң сонун.

- Кел, эми тамактаналы, - Экөө отуруп алып тамактанышты.

Валя Жаузелканды карап, жылмая күлүп койду. Ал он-он бештердеги жаш эле кыз, ылдыйкы кабатта апасы экөө турат. Жуман ага ай сайын акысын төлөп турат, чакырган убакта тез келип, баарын жасайт да, кетип калат.

- Жакшы кыз экен, - деп койду Жаузелкан.

- Жакшы кыз, ай сайын апасына берем акчасын.

- Иий.

- Тамак жактыбы?

- Жакты.

- Өзүм жасадым, Валя келгенче жасай койдум.

- Өнөрүң бар экен, - Күлүп койду. - Тамак жасоо дагы өнөр да.

- Рахмат, бүгүн мен сени сыйладым, бүгүндөн кийин баарын өзүң өткөрүп аласың. - Жуман каткырып калды.

- Айтканыңыздай болот.

- Асылкечим, мен абдан чарчадым, эми экөөбүз буйруса, чет өлкөлөргө эс алып келебиз, сени бүт жер шаарын кыдыртып көрсөтөмүн, сени отуз экиге чыккан келин деп эч ким ойлобойт.

- Койсоңчу, бир аз толуп баратам, эгер базарга чыкпай үйдө отуруп калсам, мындан да толуп кетем го? - деп бырс күлдү Жаузелкан. - Анда карабай кетип жүрбө?

- Ошол жакшы да, балпайган келинчегим болсо, балдарыбыз ойноп турса, кандай гана бакыт? - Жуман ушинтип алды.

Бирок анын аялы, балдары бар эле. Шуулдаган жигит адегенде бизнес үчүн кыздарды алып келип, сатып ошону менен бизнесин улантып жүргөн. Жаузелканды бир көрүп жактырып калган. Кыздарды ушул үйгө алып келип, кара күчкө сүйөм-күйөм деп, анан жалган нике окута турган адамдары бар. Буга чейин жүздөй кызды сатып, кебелбей басып жүргөн неме. Ай сайын аялына отуз-кырк миң жөнөтөт да, калганын өзүнүн баскан турганына жумшайт. Бирок Жаузелканды клиенттери көрүп, жактырып кеткендиктен анын айласын таппай турду, анткени аны чындап жакшы көрүп калган. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, анын ордуна башкасын таап бермекчи болуп, кайрымагына илинтмек болуп ойлоп жатты. Эртеси ал жумушка кеттим деп кеткенде Жаузелкан батирине жөнөдү, келсе Замира баласы менен отурган экен:

- Кандай, жакшы отурасыңбы? - деп Жаузелкан курбусуна жадырай карады, кечээгиге караганда жуунуп-таранып, кыйла оңолуп калганын көрүп, бетинен өөп, - Уулуң кандай, ыйлаган жокпу? - деди.

- Жок, өзүң кандайсың, эмнеге кечээ келбедиң?

- Мен биерге келбейм, досум, кечээги жигитке турмушка чыккам, анын үйүндө болуп жатпайымбы?

- Куттуктайм, бактылуу бол, курбум.

- Эми эмне кылайын деп жатасың?

- Билбейм, бала менен кыш келсе кантем?.. - Замира ыйламсырап ийди. - Баламды кантем, Жаку? Айтчы деги, мага акыл кошчу?

- Жөн-жайыңды айтчы, балаң менен кайдан келдиң?

- Мен акылсызмын, Жаку, бир айал иш таап берем дегенинен паспортумду берип, беш кыз менен келгенбиз, поезд токтоору менен бизди беш жакка бөлүп кетишти, - деп ыйлап жатып айтып берди. Жаузелкан унчукпай угуп отурду, көптөн кийин гана:

- Кой, кейибе, эми уулуң экөөңөр эптеп кыштан чыгып алсаңар, анан көрөбүз, кудай деп жашап тургула.

- Кыштан чыгыш үчүн кандай акча керек, курбум, бизди ким багат, андан көрө баланы бирөөгө берсем кантет?

- Кимге бересиң?

- Балдар үйүн иликтеп көрбөйлүбү, жалгыз жанды эптеп багаармын, бир түрктүн баласын бакканда эмне…

- Замира, сен жакшылап ойлондуңбу?

- Ойлонгондо эмне, шартым болсо бир жөн, түшүнүп турасың го?

- Түшүнүп турам дечи, карачы эки жакты карап калыптыр, - Жаузелкан аны карап колуна алды. - Кана-кана, чоңоюп калган тура.

- Жаку.

- Ийи.

- Сен балалуу болдуңбу?

- Ооба, балам беште…

- Кутмандан калган экен да?

- Ооба, - деди Жаузелкан көңүлсүз.

- Чоңоюп калды да?

- Атасынын жанында, мени анча билбейт, мени апа, атамды ата дейт, - деп Жаузелкан күлүп койду.

- Уулуңдун аты ким?

- Тунук.

- Жакшы экен, буга болсо кыргыздар Таалай деп ат коюшту, азыр мунун атын деле ойлобойсуң да, менин эси-дартым эле, кантип жашап кетиш болуп жатпайбы?

- Айылга эле салып жиберейин.

- Бала менен барганымды көрсө өлтүрүп коюшат, үйгө киргизбейт. - Көз жашын сыдырып алды.

- Анда эмне кылайын, местанын акчасын алсам дагы эки айдын акысын батирге төлөп берейин, анан колуңа акча берем, эптеп тамак-аш алып жашап тур…

- Макул, андан кийин да көрөөрмүн, көчөгө баскандан коркуп жатпаймбы?

Эки курбу көпкө чейин сүйлөшүштү. Анан Жаузелкан бир аз азык-түлүк алып келип берди да, үйүнө жөнөдү. Келсе Жуман жок экен, ал атайын эле телефон чалып, Валяны чакырды. Ал келип, тамак жасап коюп, анан кетүүгө уруксат сурады.

- Отур, мени менен тамактан, - деди Жаузелкан жылмая.

- Жок, рахмат, керек болсом айтасыз, - деп кыз ийилип койду.

- Мени менен отурсаң жакшы болмок, макул, жакшы бар, - деп аны чыгарып коюп, эшикти жаап, үстөлгө келди.

Карды ачыптыр, отуруп алып, көңүлдүү тамактанып жатты. Бир кезде телефон шыңгырап калды, ала коюп трубканы кулагына такап, үн катпай тыңшап калды.

- Ало, Жакен, үйдөсүңбү? - Жумандын үнү угулду.

- Ооба, үйдөмүн.

- Жана жок белең?

- Аа-а, батирге барып келдим.

- Ошондой, кайра-кайра чалсам, эч ким албады.

- Текшердиңби?

- Ооба да…

- Эмнеге?

- Кызганам. Баса, Жакен, мен экөөбүзгө башка үй сатып алганы жатам, ал үйдү сатып жиберебиз го?

- Эмнеге?

- Сага жага тургандай дача сатып алабыз.

- Өзүң эле бил, мага бул деле жагат, батирде деле жашабадым беле…

- Эми канышадай жашайсың, бирдеме ичтиңби?

- Ооба.

- Эриксең Валяны чакырып ал, тамак жасап берет.

- Чакырдым.

- Азамат, мен кечинде барам, эртең көчөбүз.

- Макул.

- Эс ала бер, жаным, - деди да, трубканы коюп койду.

Жаузелкан диванга кыңкая видик көрүп жатып, уктап кетти. Түшүндө аппак көйнөк кийген аял: "Кызым, сен дагы жолуңдан адаштың, неге тилимди албадың, эч кимге ишенбегин, ал жигит сени азапка салат, бекер кылдың, балам, эптеп андан кетишиң керек, кет башка жакка" деп башын чайкап барып, көрүнбөй калды. Чочуп ойгонду, жүрөгү лакылдап, кабынан чыга жаздап согуп жатты. Туруп алып ары-бери басты. "Бул эмнеси, эмнеге эле кире берет, эми гана өз каалаганыма жеттим, бактымды таптым деп жатсам, бул кандай шумдук?!" деп ойлоно берди. Басып кетүүгө даабады, "Жалынып-жалбарып, сүйүүсүн арнап отурса, ишенбей басып кеткеним кантип болсун, жашап көрөйүн, бирдеме болуп баратса көрөөрмүн" деп ойлоп алды. Ойлонуп жатып, башы да ооруп чыкты. Кеч күүгүмдө Жуман келди, кирип келип эле, кучактап алып, аймалай баштады.

- Ой, болду эми, - Жаузелкан дагы ага эркелей күлдү.

- Сагынып кеттим.

- Ыраспы?

- Ырас, мен сагынып кеттим, жытыңдан сенин, ардагым…

- Ушунчалык жакшы көрөсүңбү? - Кыткылыктай кылыктана карады келин.

- Аябай жакшы көрөм, жаныңдан кетким келбейт, бирок иштеш керек, сени ээрчитип алганга да болбойт, чарчайсың да? - Кучакташып келип, диванга отурушту.

- Кардың токпу?

- Жок, сен жасаган тамактан ичишим керек.

- Валя жасады.

- Аа-а, мейли, бир аз шам-шум этейин.

- Жуман, мен батирде эле жашасамбы деп ойлоп жатам.

- Эмнеге?

- Курбум кыйналып жатыптыр.

- Аны менен түбөлүк жашамак белең?

- Колунда бир тыйыны жок, жаш баласы менен жаман абалда отурат, мен ага жардам беришим керек, сооданы үйрөнүп калбадымбы?

- Андай болсо, акчалай жардам берелик.

- Аны биерге алып келип алсак кантет?

- Мм.. , - Жуман унчуга албай калды.

- Мейли, ошол жерге батирин мен төлөп берип, жазга чыгарайын… - Жаузелкан Жумандын көңүлү келбегенин байкап калды. - Канча керек экен өзү?

- Канчаны кайдан билет, өзү дагы кыйналып турат, биердин балдар үйүнө алып барса алабы?

- Эмнеге албайт, алат эле, мен сүйлөшүп берем.

- Анда ошондой кыл.

- Бир таанышым бала багып алам деп жүрөт эле…

- Иши кылса эптеп баласын тапшырып бер, анан иштегенине жардам берип, базарга отургузуп койойун.

- Мейли, эртең сүйлөшөм, азыр телефон менен чалып көрөйүнчү, - деп телефонду бурап көрдү. - Алоо, саламатсыздарбы, сиздер бала керек деп жаттыңар беле, ооба-ооба, - Жуман Жаузелканды карады. - Уулбу, кызбы? Уул экен, канча айлык, аа-а, бир айдан өтүптүр, макул-макул, сүйлөштүк, - деди да трубканы койо койду.

- Жакшы болбодубу, баланы багыш кыйын, же үйү болбосо, же каралашаары жок.

- Кам санаба, уул бала болсо керек деп жүрүшкөн.

- Мейли байкуш, кыйналбай эптеп бутка туруп алса, жакшы болот эле.

Экөө сүйлөшүп отуруп, тамактанышты, анан спальныйга барып, кучакташып жатып калышты. Жаңы үйлөнгөн жаштар өңдүү, бири-бирине чапталыша, бир кишидей болуп жатышат. Жатып алып да Жуман ойго батты: "Баланын дагы пайдасы тие турган болду, андан миң доллар келсе, беш миң рубль берип койом, багалбаса таштайт да". Жуман бүгүн кечке Жаузелкандын ордуна бир кыз издеди. Базарды аралап, андан бери келатып, жолдон бир кызды көрүп, токтоп калды. Ал кыздын өңү-түсү татынакай, бирок кийим-кечеси жүдөө эле. Бир аз сүйлөшүп туруп, ага жагынуунун амалын ойлоду.

- Карындашым, мен кыргыздардын кыйналгандарына жардам берип, каралашып турам, биерде ким менен жашайсың?

- Өзүм эле, иштейм деп келип алып, телефон менен паспортумду жоготуп, чакырган кыздарды таппай калдым.

- Эмнеге иштемек элең?

- Швеяга чакырган. Бүт документим жоголду.

- Анда эртең ушул жерге кел, мен сени агенствого алып барып, тапшырып жардам берейин.

- Макул.

- Канчадасың?

- Он сегизде.

- Иштечү белең?

- Ооба, иштеп жүргөмүн, тааныш кыздарым чакырган.

- Жата турган үйүң барбы?

- Бир таанышымдын батиринде туруп жатам.

- Анда эртең жолугалы, - деди да, таанышынын дачасын бошоттуруп келди.

Он күндүн аралыгында ал кызды Америкага жеткирмек болуп турду. Көпкө ойлонду, кайра Жаузелканды эле жеткирип, ал жаш кызды өзү менен жашаганга алып калмак болуп жатты. Эртеси ал кызды алып келип Жаузелканга табыштады. Тамак-ашты Валяга алдырып койду.

- Атың ким? - деди Жаузелкан ага карап.

- Динара.

- Карындашыма өзүм жардам берем, биз Америкадан келгиче үйдө тура бер, - деп жалпаңдай сүйлөдү Жуман. - Эгерде элчиликке барып айтып дайындап койсом, Бишкекке жөнөтүп жиберет.

- Америкада канча жүрөсүздөр?

- Көпкө жүрбөйбүз, жеңеңди эс алдырып келип калам.

- Ушу Америкага баргым келбей турат, Жуман.

- Эмнеге?

- Билбейм, таманым тартпай турат.

- Ой, кокуй десе, анда Аравияга алып барайынбы?

- Жо-ок, эч жакка баргым келбей жатат.

- Мейли, ойлонуп көр, Динарага жата турган ордун көрсөтүп кой, анан эс алалы.

Динара унчукпай Жаузелкан көрсөткөн душка кирди, анан жаңы кийим берди эле, кийип алып, жатып калды. Эртеси Жуман адегенде Замирага барып, баласын таза кийинтип, жаңы ороого оротту да, келинге беш миң рубль берип, баласын алып кетти. Анан Динара менен Жаузелканды ээрчитип базарга келди. Динараны кийинткенин негедир Жаузелкан жактырбады.

- Эмнеге бейтааныш немеге кийим алып берип жатасың?

- Бечарага боор ооруп койбосок болбойт, талаада калса жаман да, соопту кайдан табабыз? - деди шыпылдай.

- Өзүң бил.

- Капаланбачы, жаным, эки-үч күндө элчиликке алпарып койойун, ушундай жаш кыздар көчөдө калганы жакшы эмес го?

- Ошондойлор азыр өз элибизде деле толуп жатпайбы?

- Сага эмне алып берейин? - Жуман жалпактай сурады.

- Кереги жок, мен жылаңач эмесмин, кеттик үйгө.

- Мейли, сен өзүң аласың, ээ? - деди Жуман Динара ары жактан келе жатканда.

Ал машинага отураары менен жөнөштү. Чак түш, Динара менен Жаузелкан сүйлөшүп, залда отурушканда, Жуман аркы бөлмөдө телефон менен сүйлөшүп жатты. Анын айрым кыймыл-аракетинен улам Жаузелкан көргөн түшүн эстеп: "Мен чындап эле мафияга аралашкан адамга жолугуп алгамын го, мындан кетип калсам окшойт" деп ойлонуп кетти.

- Эже, сиздердин балдарыңар барбы? - Динара капысынан суроо салды.

- Жок.

- Аа-а, көп болдубу үйлөнгөнүңүздөргө?

- Көп эле болду. - Көңүлсүз жооп берип койду эле, унчукпай калды.

Аңгыча аркы бөлмөдөн Жумандын сүйлөшкөнү угулуп жатты.

- Баары даяр, силердин буйругуңарды күтүп жатам. Ооба-ооба, кичинекей тапшырма бүттү, эми Америкага барганда бүтүрөбүз. Болду-болду, кайсы күнү, макул-макул, - деп трубканы койду.

Жаузелкан эмнегедир анын сөзүнөн шекшип калды. Жуман эки-үч күн Жаузелканды базарга ээрчитип барып, модалуу кийим, күзгү пальто, шляпа алып берди. Өзүнө жаккан кийимди алганына ичинен кубанып жатты. Ал жөнүндө жаман ойлогонуна ичинен уялды. Арадан бир жума өткөндө Динараны алып жөнөдү. Аны жөнөөрдө үйүнөн жасантып, кийимдин импортун кийинтип чыкты. Жаузелкан бир нерседен шекшип турса да унчуккан жок, эки саат өткөндөн кийин телефон чырылдады.

- Ало, - деди Жаузелкан.

- Жакен, мен шашылыш иштер менен он күнгө кетип жатам, сен үйдө бол, мен телефон чалып турам, - деген Жуман трубканы коюп койду.

- Демек мунун да бизнеси кыздарды сатуу болсо керек, - деп Жаузелкан сүйлөнө отуруп калды.

Бир туруп кызганып да кетти: "Балким жаш кыз менен көңүл ачканы кеткендир, мени Америкага алып барам деп жатпады беле, Динараны алып кетти окшойт, мейли акыры үйүңө келээрсиң, ошондо ачык айтып эле, сенден биротоло кетем" деп ойлонуп алды. Анан кийинип алып, Замирадан кабар алганы келди. Замира көмкөрөсүнөн түшүп, шолоктоп ыйлап жатыптыр. Жаузелкан аны сооротуп, кийинтип алып, көчөгө ээрчитип чыкты, экөө кафеге барышты. Андан чыгып, Жумандын үйүнө алып келди.

Сейитти айылга баргандан кийин агасы Мажит үйүнө чакырып алды, алты-жети жаштарга келип калган Тунукту бир карап койду.

- Бул өмүрдү биротоло Жибектин кызы деп өтөдүң го, ээ? - деди. - Бу баласын дагы сен чоңойтоюн деп чечтиңби?

- Ээ, байке, мунун баары менин ишим, менин тагдырым, өтсө менин өмүрүм өтүп жатат, ага кимдин эмнеси кетиптир, менин өмүр жашым өтүп жатпайбы?

- Эсиң менен болсоң боло, алтымыш алтыга келдиң, бир туруктуу үйбүлө күтпөй, ойдогудай жашабай жүрүп, өтүп баратасың. Жаузелкан деген бир балээ бүттү сенин маңдайыңа, өгөй кызды багып өстүргөнүң аз келгенсип, эми баласын багасыңбы, өзүң да бир адамча жашайсыңбы, ыя? - Мажит ачууланып жатты.

- Койсоңчу, кичинекей бала жаңы эле келди, көп капа кылба, эми бул деле бала эмес! - деп аялы Алымкан күйөөсүн тыйды.

- Жеңе, мейли, байкем эмеспи, айтса айтсын, айтканында чындык бар, түшүнүп эле турам, эмне дешти билбей турам…

- Эмне дешти билбей эми сен жашсыңбы, мен сага аял алып берем, үй турат, ар ким жашап жатат, өз түтүнүңдү булат да, ушинтип жүрүп өтүп кетмек белең. Жаузелкан эми сенин көзүңдү карабайт, ал чоң аял болду, өзүнүн тагдырын өзү чечет! - деп ачуулуу буркулдады Мажит.

- Ооба, туура аның, чоңойду-чочойду, өз тагдырын өзү чечүүгө жарап калды, мен силердин айтканыңар менен болоюн, үйлөнсө-үйлөнөйүн, ошо барбы менин ысык-суугума чыдап, мени менен жашачу аял? - деп Сейит агасын суроолуу телмире карады.

- Табылат, жеңең сүйлөшүп койгон, өзүңдү ирээтке келтир да, эртең ал аял менен сүйлөш.

- Ооба, ошент кичине бала, баарын чоңойттуң эми, Бекболот да бой жетти, аны үйлөнтүшүң керек, ал Москвада иштеп калдыбы? - деди Алымкан.

- Ал эжеси экөө иштеп калды, - деп үңкүйө жооп берди Сейит.

Ал азыр Тунукту менин балам деп айта албады. Текилдеп ойноп жүргөн бала көздөрү бакыраңдап, Жаузелкандын өзү, Мажит менен Алымкан аны Жаузелкандын төрөгөн баласы деп ойлоп, Сейитти аяп турушту.

- Сендей да жумшак киши болот экен да, Бекболот го өз балаң, Жаузелканды эбак өз туугандарына бериш керек болчу.

- Ошо туугандары андан илгери эле баш тартып коюшкан да, анан тырмактай кызды кантип таштай аласың? Же таята-таенеси карабай койсо.

- Мен агаларын тааныйм, чоң энеси бар экен, Жаузелкан келсе аларга тааныштырып койобуз, анан сен тынч жашашың керек, баласын өзүнө бер, өзүн ушунча бакканың жетет, бул баланын чоңойгончо түйшүгү канча?

- Эмне?! - Сейит каңырыш уккандай ага-жеңесин карап калды.

- Бер да баласын, анын сага тиешеси да жок!

- Жо-ок, бул бала менин жаным менен барабар, башка сөзүңөргө көнөм, бирок Тунукту менден бөлбөгүлө! - деп Сейит ордунан тура калды. - Бул бала менин балам, уктуңарбы байке, Тунукту бөлөксүнтпөгүлө…

- Мейличи эми, Мажит, тырмактайынан багып келатса, жакшы көрөт да, тим кой жанында жүрө берсин, - деди Алымкан күйөөсүнө.

- Макул, эмнеси болсо да, арам тамактарды багып жүрүп картайдың, эми өзүңдү ойлон, эртең үйгө конок келет. Нурия жакшы неме, турмушту көрүп, түшүнүп калган, жаш эмес, элүүгө чукулдап калыптыр, эки баласы, бир кызы бар, ошону менен өз үйүңө жаша! - деди да Мажит унчукпай калды. Мажиттин үч эркек, эки кызы бар, баары үйлөнүп-жайланып калган. Канаты жайылып, жерге-жээги көбөйгөн кадыр-барктуу адам. Кудалары дагы чиренген немелер. Аялы Алымкан кең пейил, боорукер, мээримдүү аял. Балдары ата-энесинин айтканынан чыкпайт.

- Тигил үйүңдү болсо карап турабыз, ичин жайып, кагып тазалап турат кыздар, жети жыл бою батир издегендерге берип, акысын Бекболотко берип жаттык, ал жакшы окуйт, айланайын, акыл-эстүү, - деп отурду Алымкан.

- Эми аны Россияга таштабай эле ала келбейт белең, аякта суутуп коюппу, ээнбаштарга кошулуп, бузулуп кетсе кантесиң? Биерден балдарга айтып, чоң болбосо да, орто окуу жайга киргизип койот элек, - Кайрадан наалыды Мажит. - Москвага баргандын баары эле жыргап жатыптырбы?

- Иштесе иштеп көрсүн, - деп күңк этти Сейит. - Өз келечегин өзү чече турган болуп калды да…

- Аман эле болсун, башы аман болсо, баары жакшы болот, кичине бала, кейип-кепчибей эми жашоону башта, минтип жүрө бергениң болбойт, көп жылдарды куру-бекер өткөрүп ийдиң.

- Билем, жеңе, билип эле турам, өткөн жылдарды кайрып ала албайм дечи, эми мен силер тапкан аял менен өлгүчө тынч жашайын, өзүм дагы ошону ойлоп келгем, ты-ынч гана өмүр сүрөйүн дедим, жеңе…

- Болду да, жаштыгыңды парасатсыз өткөрдүң, бир аял деп гана жашап өттүң, апам сенин адамча жашашыңды кандай гана күттү, өлөөрүндө да сенден кабатыр болуп өттү, байкуш… - Мажит инисин нааразы боло карады.

Мажит инисин үйлөнтүү үчүн кам көрүп жатты. Нуриянын карыган ата-энеси бар эле, аларга барып сүйлөшүп, сөздү бүтүрүп койду, анан өз үйүнө эле алып келишти. Сейит аны көрөйүн, таанышайын деген да жок. "Тагдырымдын буйруганын көрүп келатам, албарсты болсо да, акылы бар болсо болду, мен жашоого ыйлап келип, өкүнүп өтө турган болдум, ошондуктан баары бир" деп ойлонуп тим болду. Ырым-жырымын жасап, Нуриянын ата-энесин сыйлап жөнөтүштү. Нурия толмочунан келген сулуучумак аял экен. Сүйлөгөн сөзү орундуу, кылган-эткени тыкан, түшүнүктүү аял Сейитке жагып калды. Бир-эки жумадай Мажиттин үйүндө болуп, анан өз үйүнө кетишти. Кызын өзүнө алып, эки баласы чоңоюп калгандыктан, атасына жардам бермек болуп калган. Тунук менен Сезим экөө бири-бирине ынак болуп, урушпай ынтымактуу болуп кетишти. Тунук аны эже деп жанынан чыкпайт.

- Нурия, сен мага жактың, - деди өздөрүнчө отурганда Сейит. - Канча жыл болду күйөөңдүн өлгөнүнө?

- Беш жыл болду.

- Ошол бойдон турмушка чыкпадыңбы?

- Жок, дагы деле күйөөгө чыкмак эмесмин, балдарымдын алды он бешке келди, алар жаман көрүп калышты окшойт, таарынып калышты.

- Бала деген бала, таарынат, жазылат, ата-эненин ички туюму, көкүрөк көксөөсү менен иши да жок, өз мыйзамын гана ишке ашырууга аракеттенген өзүнчө мамлекет да, - Сейит мыйыгынан жылмайып алды, өзүнүн бала деп жүрүп, текке кеткен өмүрүнө өкүндү. - "Бала деп жүрүп балапан башты куураттым" деп бекер айтышпаптыр да-а. - Үшкүрүнүп алды.

- Сенде көп арман бар го? - Нурия ага жылмая карады.

- Эмнеге андай дейсиң?

- Көрүнүп турат.

- Ички сырды сыртынан окуп коймоюң барбы?

- Ошондой адатым бар, айттырбай билем.

- Мейли, иши кылса алдыда канча өмүр болсо, экөөбүз ынтымактуу жашайлы, балдарыбызды сеники-меники дебей, колдон келишинче карап жардам берели. Ушу жашыбызда эмнени талашып-тартышмак элек, ызаатташып, сыйлашып жашайлы эми.

- Ал айтканың туура, мен деле бала деп картайдым, эмки оюм ушулардын алдында кадырым менен болуу, урмат-сыйын көрүү, - деп Нурия ойлуу Сейитти карады. - Канча балаңар бар?

- Эки уулум бар, бири Россияда иштеп жүрөт, бири ушул, - деп Тунукту карады.

- Муну өгөй кыздын баласы дешти го?

- Эми ар ким айта беришет, өгөй кызымды өз баламдан кем чоңойткон жокмун, анын баласы менин балам да…

- Туура, ал кызыңдын үйбүлөсү барбы?

- Жок, уулум экөөнүн апасы бир, экөө иштеп калышты, мен биякка баса бердим, жаш эмеспи, күйөөгө чыгып, үйбүлө күтөөр…

- Кечирип кой, мынчалык суроо бербесем болот эле, анткени бири-бирибизди билбесек болбойт да, же мурунтан тааныш эмеспиз, тааныш-билиш болсок дагы бир жөн, - деп күлүп койду Нурия.

- Туура, бири-бирибизди жакындан билип алганыбыз жакшы, анын айыбы жок, билбегениңди, таң калганыңды, түшүнбөгөнүңдү сура.

- Болду окшойт, түшүнүп бүттүм, - Нурия күлүмсүрөй карады.

Ошол кезде Тунук менен Сезим ээрчишип кирип келди.

- Апа, курсагым ачты деп жатат Тунук, - Сезим Нурияны карады.

Тунук Сейитке жармаша тартына карап туруп калды.

- Кардыңар ачса отуруп, чай ичип алгыла, - деди Нурия Тунукту карап, - Кел-келе гой, эжең экөөңөр кардыңарды тойгузуп алып, ойногула, ээ?

- Ооба.

- Тунук, сенин дагы апаң болот, апа деп жүр, макулбу? - Сейит Тунуктун башынан сылай ушинткенде бала ичинде жаман ою жок минтти:

- А менин апам кана?

- Апаң иштеп жүрөт, сен Нурияны апа дегин, уулум, Жаузелкан келгенде, аны эже дейсиң, макулбу?

- Мм.. , - деп койду бала, эч нерседен капарсыз, нандан бурдай, атасын жал-жал карап жылмайды.

- Менчи, мен эмне дейм? - Ондорго келип калган Сезим апасына эркелей сурады. - Мен дагы ата дей берейинби?

- Ооба, ата дебей анан, эми экөөңөр бир туугансыңар, иниңди карап жүр, ыйлатпай ойнот, кызым, - деди Нурия. - Экөөңөрдүн тең атаңар болот, ынтымактуу болгула, балдарым.

Сейит ичинен Нурияга ыраазы болуп жатты, анын адамгерчилигине, кыял-жоругуна, кең пейилине жүрөгү жылып, "Кудайга шүгүр, эми ушул бойдон жакшы болсо экен, аял деген бат өзгөрүлмө келчү эле, мунун дагы бир күнү чатак кыялы пайда болбосо экен. Жаузелкан үчүн бүт өмүрүмдү тозокко айланттым эле, карандай ошого асылгандан улам эки-үч аял кетирдим. Тунугумду жерибесе болду, мейли, менин балам дебесе да, туңгуюк сыр ичте катылып, ошол сырдын учугу ушул балам, аман-эсен чоңоюп алса, арманым жок" деп ойлуу отуруп калды. Бала эмеспи, Сезим менен Тунук кайра ээрчише чыгып кетти.

- Сейит, сенден бир нерсе сурайынбы?

- Сура.

- Менин бир уккан ушагым бар эле…

- Кандай? - Сейит жүрөгү солк эте Нурияны карады.

- Сен Россияда жүрүп, бир аял менен жашаганың чынбы?

- Ким айтып жүрөт?

- Эл деген эл да, ал аял сойку имиш, бала төрөгөндөн кийин, кетип калган имиш дешти го?

- Жалган, бала кызымдыкы, аны кыйнабайын деп алып келе бергемин, - Сейит кызарып-татарып кетти.

Ал ушул учурда Жаузелкан менен болгон эң биринчи катышын, боюна болуп калганда, эптеп Россияга качып кетип, кыштын күнү, тар бөлмөдө төрөтүп алып, эрди-катын болуп өткөргөн жети жылын эстеп отурду. "Кудай сактаган экен, кокус билинип калса, эмне болот эле, өз агам бетиме түкүрмөк, элдин сөзү биякта калсын, Бекболот эле экөөбүздү тең өлтүрүп тынмак, аяктан тааныштар учурабасын деп, такай бирибиз гана соода кылганыбыз жакшы болгон экен" деген ойдо телмирди.

- Мейли, укканымды сурадым, капаланбай эле кой, - деп Нурия аны жайгарган болду.

- Эмнеге капаланмак элем, укканыңды тактоого акың бар, кыскасы бири-бирибиз билген жашыруун сөз калбашы керек.

- Менде андай сөз жок, Сейит, күйөөм экөөбүз жакшы жашадык, үй-мүлкүмдү бир аз күндөн кийин алып келип алайын, ээ?

- Өзүң бил, - деди Сейит ага.

- Үйдүн бир жагын бошотоюн, - деп Нурия үй ичин жайганга киришти.

Анан баарын ирээттеп, бир чоң бөлмөнү бошотуп жыйыштырды. Керээли кечке үй жыйнап, кечинде тамак-ашын жасап, балдары менен отуруп тамактанышты. Чогуу отурганда балдары уктамак болуп, ички бөлмөгө киришти, экөө үнсүз бир топко отуруп калды, Сейиттин коңшуларынын үчөө-төртөө аялдары менен келип калышты, аларды көрүп, тура калып тосуп алды:

- Оо, келгиле, келгиле коңшулар, өйдө өткүлө! - деди Сейит жайдары. - Келип калыпсыңар?

- Келдик, - деди Сейит менен теңтуш болуп жүрчү Токтобек. - Сенин үйлөнгөнүңдү угуп, куттуктап койолу деп эле, аяштарың болуп, коңшулар келип калдык.

Алар жайгашып отуруп калышканда, Сейит менен Нурия сыртка чыгып кеңешип, бири дүкөнгө жөнөп, Нурия чай коюу менен алек болуп жатты. Токтобектин аялы Күлүйпа жоолугун алып чыгып, Нурияга салып, бака-шака түшүп калышты. Ушул жолу Сейит кабагы ачылып, кошуналары менен жаркылдап отурду. Бул анын Жибектен кийинки биринчи жолу көңүлдүү отурганы эле…

- Сейит, сен шаарга кетип, үйүңдө квартиранттар эле жашап калды, келгениң жакшы болду, өзүңдөй болбойт экен, эми аяш экөөңөр эч жакка кетпей биз менен болгула! - Токтобек ага карап бакылдап жатты.

- Ошону айтсаң, квартиранттар үйүңдү да тоздуруп ийди, карап отурушпайт да? - деди бир коңшусу Өсөрдүн аялы Жийде. - Канткен менен өзүңдөй болбойт экен.

- Эми үйдө болобуз буйруса, - деди Сейит аларга ыраазы боло. - Жашоо шартка жараша болдук да, Жаузелкандын тагдыры тигиндей болуп калды, баласын таштагандан кийин өзү да кыйналды, алаксытайын дебедимби? - деп Сейит актана сүйлөдү.

- Ооба, ага деле кыйын болду, сен кең пейил жансың, Сейит. Аялыңды катуу сүйгөн экенсиң, кызын ушул убакка чейин өз кызыңдай карап келе жатасың. Сенден башка бирөө болгондо, эмдигиче өз төркүнүн таап, кетирип коймок. Ой, анын атасынын бир туугандары крутой турат экен, Максаттын инисин мен жакшы тааныйм.

- Эми чоңойттум, колумдан келгенин кылдым, төркүндөрүн тапса, өзү билсин.

- Кой эми, жомокту коюп, Сейит менен Нуриянын бактысы үчүн мындан алып койолу, - деди Өсөр аларды карап.

- Чын эле, келгиле эки бакыр, бир тукур болуп, баштаган өмүрлүк жубай деген пайдубалыңар бекем болсун, ылайым коломтоңордон от өчпөй, балдарыңардын сый урматында жүргүлө, - деп стакандарга арактан куюп, ар бирине жылдырды. Баары алып ийгенде Нурия:

- Мен такыр иччү эмес элем, кыйнабай эле койгулачы, силер менен биргемин, оюңарга кошулам, - деди жылмая карап.

Кыстаганга да болбоду, Сейит аны карап:

- Коңшулар менен бир-эки жолу алып кой эми, жакшы ой, жакшы тилек менен келип отурушат, - деди эле, болгон жок.

Андан кийин унчукпай калышты. Ортого тамак келди, ичип-жеп көпкө отурушуп, анан кетишти. Сейит бир аз ичип, кызып калды, ал азыр Нурияны эбак дүйнөдөн өтүп кеткен Жибекке окшотуп, төшөккө жатканда бекем кучактап алды:

- Эмне болду, Сейит, мынча катуу кучактадың, бошотчу бир аз, эми жаш болуп кетсек да, - деп Нурия аны кылыктана күлүп ары түрттү.

- Мен сени сүйүп жатам, Нурия, мындан ары биз сүйүшүп гана жашайбыз, ээ? - деп өпкүлөп кирди.

- Мени эмес башканы сагынсаң керек, Сейит?

- Жо-ок, сени, сени сагынып жаман болдум…

- Көрбөгөн, таптакыр билбеген адамды кантип сагынсын, тамашаңды койчу, Сейит.

- Чыпа-чын, койчу эми суракка албай, менин эңсөөм, менин сагынычым өзүң гана, кел эми кучагымдан качпачы! - Сейит жоон-жолпу келген Нурияны кучактаган менен анын арык денеси Нуриянын көлөмүнүн көлөкөсүндө калып, боорунда жатты.

Сейит көпкө чейин Жибектин бөлмөсүн бир көрүп, күнгө жайып, тазалап келүүнү ойлонуп жатып Нурияны, эки баласын ээрчитип жөнөдү. Келсе айланасын чөп басып, абдан тозо баштаптыр, адам жашабагандай болуп томсоруп турган. "Байкушум десе, отуз жыл мурунку кебетең менен менин жүрөгүмдө жашап жүрөсүң, канттиң экен. Ошондо сенин өлгөнүңдү сезбеген наристе кызың отуз үчтөн өттү, ал сенин эле өзүң болгон, эгер тирүү болгонуңда биз кандай бактылуу болот элек, менин бүт максат-тилегимдин баары сени менен кетип, бечара турмушту башымдан өткөрүп келе жатам" деп ойлоно эшикти ачты. Заңгыраган үйдү көрүп, Нурия Сейитке кайрылды:

- Бул кимдин үйү?

- Анан айтам.

- Ма-акул.

- Бул үйдүн ичин тазалап коюш керек эле, эгер сага оор келсе, мен өзүм тазалап кетейин.

- Жакшы салынган экен, мындай үйдүн ээси кайда?

- Жаузелкандын үйү…

- Иштеп жүрүп алды беле?

- Жок…

- Анан кайдан…

- Ата-энесинен калган, эми кокус турмушка чыкпай калса, баласы экөө ушунда жашайт да.

- Аа-а, - деп койду Нурия.

Аңгыча ичкери кирип келишти, ашканадагы идиштер орду-ордунда, үч бөлмөнү көрүп чыгышты, чаң басып, желелеп кеткен экен, андан чыгып залды ачты Сейит. Ага киргенде, Нурия төрдө илинип турган жаш кыздын сүрөтүн көз айрыбай карап калды, жанындагы жаш жигиттин Сейит эмес экенин көрүп:

- Булар кимдер, Сейит? - деди.

- Жаузелкандын ата-энеси, ушуларды эми Бекболот экөөнө тапшырышым керек, - деп ойлуу карап турганда, Нурия таңгала кайра сурады:

- Бекболот менин балам дедиң эле го?

- Бекболоттун атасы мен, апасы ошол!

- Сулуу келин экен, ооруп өлгөнбү?

- Ооба, - Сейит кыска жооп берип, үстөл үстүндөгү жабууну алды.

Ал жөндөн-жөн эле чаң болуп кетиптир, терезелерди ачып, килемдерди сыйрып, сыртка алып чыкты. Нурия ага жардам берип, терезелердин баарын ачып, ичиндеги буюмдарды алып чыгууга өттү. Төрдөгү килемди сыйрып алганда, дубал боорунан сандыкчанын ордундай оюк чыкты, ал ачкыч менен ачылышы керек эле. Ага таң калып койду Сейит. Үй ичин бүт чыгарып, күнгө жайып жатканда, Нурия полду жууп жатты, ашкананын полунда төшөлгөн килем дорожканын алдында жер төлө бар экен. Сейит аны ачып көрдү, бирок ичи караңгы эле. Серванттардагы идиштерди жуумак болуп жатып, топ ачкыч таап алышты. Сейит анан алардын ар бирин салып көрүп, дубалдагы оюкту ачып көрмөк болду, бирин салса ачылып кетти. Ичин ачып караса пачка-пачка акчалар, шашканынан кайра жаба койду да, бир ачкычты алып, чөнтөгүнө салып алды. "Демек, бул жөн өлгөн эмес тура, мынчалык акчаны ал кезде криминалдар гана кармачу, өзү бухгалтер деп уктум эле, бирок мынчалык болушу мүмкүн эмес" деген ойдо кайра чыгып килемдерди, дорожкаларды кагып жатты.

- Келбей койдубу? - деди Нурия ага.

- Жок, келбей койду.

- Бузуп көрбөйсүңбү?

- Кой, балким табылып калаар, кийинкисине да керек, тура берсин, - деп койду Сейит кайдыгер.

Узун күндө керээли кечке үй жыйнап, тамактанганды унутуп калышкан экен. Сейит Нурияны камокко жөнөттү, ал эки баланы ээрчите чыгып кеткенде, Сейит шашыла залга кирип, баягыны ачып пачкалаган акчаларды алса бүт рубль экен. Рублдын алмашканына беш жыл болуп калган. Аны бери алып коюп, ары жагын караса, кутучада алтындар бар экен. "Ал буларды Жибекке айтпай каткан экен да, өзүнүн өлөөрүн билгенде, минтип жашырмак эмес" деп ойлоп, дагы ары жагын караса, беш-алты пачка өзүнчө турат, ал доллар экен. "Ушунча байлыкты каткан экен, кайран бала, мынчалык дүнүйө анын башын жеди да" деп алтындарды кайра киргизип, кулптап койду. Долларды да катты, рублдер он чакты пачка болчу, "Буларды эми алмашпайт чыгаар" деп ойлонуп турганда, Нуриялар кирип келди. Эки колуна пачкалаган акчаларды көтөрүп алганын көрүп, Нурия оозун ачып, көздөрүн бакырайта:

- Бул эмне? - деп сурады.

- Акча.

- Ушунун баарыбы?!

- Ооба, бирок жарабай калды го, рубль экен.

- Аа-а, - деп Нурия ындыны өчө ашканага кирип, тамак жасамакка киришти.

- Балким банктарга кайрылып көрсөм кантет?

- Барып көр…

- Эртең барып көрөйүн, жүз миң рубль экен.

- Ким билет, сомго алмашабы…

- Көрөбүз да.

Төртөө чогуу тамактанышты. Кечке маал болуп кетти, буюм-тайымдарды киргизип коюп, үйлөрүнө кайтышты. Эртеси Сейит кайра келди, кайра үйдү жалгыз жайды, кечке үйдү айлана басып жүрдү. Анан эшиктерди жаап алып, тиги текчени кулпусун ачып, шашпай баарын ачып көрүп, чаңын сүрттү, долларды санаса элүү миң доллар экен. Дептер таап алды, ичин ачып көрсө, кол жазмалар жүрөт, акчанын эсеби, бир кагазды ачып окуса: "Тапшырма аткарылды, демек менин Көккөздөн алаарым калды, ушунда ага алданбаймын, ал мага далай жумуш тапшырса да аткардым, балким мага кол салышы мүмкүн, Көккөз менен Чолоктун сөздөрү ача болуп турат, мен алардан коркпойм" деген жазуу бар экен. Сейит текчени бекитип, алтын салынган темир кутучаны акырын пакетке салып, долларды да бекитти. "Демек, бул киши колдуу болгон тура, калпыс ишти көздөп алып, ажал тапкан экен" деп ойлонуп турса, эшик тыкылдап калды. Чыгып ачса, келбеттүү бой мүчөсү келишкен, кырк-кырк бештердеги жигит туруптур.

- Ас-салоому алейкум! - деди озуна.

- Ал-лекума ат-салоом.

- Сиз бул үйдү карап жүрөсүзбү?

- Ооба, эмне болду? - Сейит чоочун жигитке карады.

- Бул үй менин агамдын үйү эле, келип эч кимди таппайм, эки күндөн бери бирөө жүргөнүн айтышты эле…

- Аа-а, - деп койду Сейит, - Кир ичкери, иним, - Алдыга кирди өзү. - Сүйлөй бер.

- Билсеңиз керек, бул үй агамдыкы болгондон кийин бизге тиешелүү болушу керек эле? - деди керсейе чөнтөгүнө колун сала.

- Сен билесиңби, жигит, агаңдын кызы бар, бул үй ошого таандык, бүт документтештирилген.

- Ал кыз төрөлгөндө эле өлгөн агам, кайдан документтештирилет? - деди тигил жигит ачуусу келген түрдө.

- Биринчиден үй Максаттын наамында эмес, аялына жазылган, экинчиден ал кыз үч-төрт жашында ооруп жүрүп Жибек үйдү кызына белекке таштаган, тактама кагаздарын көргүң келсе эртең кел.

- Кереги жок, - деп артына кайрылып кетмек болгондо Сейит:

- Жигит, атыңды айтпадың, - деди.

- Менин атым Бекмат, - деди кайрыла калып.

- Бекмат, мени Сейит байке десең болот, - Аны көздөй басты. - Үйдү сураганча агаңдан калган жалгыз кыз жөнүндө сурасаң болмок.

- Аны укканбыз…

- Уккан бир жөн, сурап өбөк-жөлөк болгон бир жөн. Төркүнсүз кыз, туугансыз эркек дүнүйөдө кемчил, сурап алаары жок бечара. Силерге да уят-намыс, өлгөндөн калган бир кызыңарды карабай койгон. Азыр отуз төрткө чыгып калган, көз карандысыз дечи, бирок эч кимим жок деген арманды артынып жүргөн кези!

- Сиз кайдан билесиз?

- Мен ошол кызды үч жашынан бери тарбиялап, чоңойткон адаммын, өз баламдай өстүрдүм, өгөйлүк кылбадым, - дегенде Бекмат бери көздөй басып келди. - Үйгө кирип агаңдын жазгандары, бекиткен акчасы бар экен, көрүп, керек болсо алып кет. Бекмат унчукпай ичкери кирди, Сейит ага кечээги рубльдарды көрсөттү. - Мына бул дептерди алып ал, окуп көрөөрсүң.

- Кечирип коюңуз, бул акчаларды кайда каткан, ушуга чейин эч ким көргөн эмеспи?

- Мына бул жерде катылыптыр, - деди Сейит. Дептерди ачып, Сейит көрбөгөн бетин ачып окуп жатты: "Жибек, мен сен үчүн баарын даярдадым. Бул менин сага болгон сүйүүмдүн анык экендиги! Кызым экөөң кыйналган кезде акыры табаарсыңар, мен балким ал кезде жок болоормун, менин өмүрүм кыл учунда, кайдан илинип алганымды өзүм да билбейм! Эгерде акчага-байлыкка азгырылбаганымда таза жашап, сени менен узак өмүр сүрмөкмүн. Ыйлап жатасыңбы, Жибек? Ооба, ушуну жазып отуруп, мен дагы ыйлап отурам… Бул мен каткан акча, кызым экөөңөрдүн келечекте кыйналбай жашашыңар үчүн. Кош, Жибектай, Жаузелканымды мен үчүн бетинен өөп кой, бир-эки күндүн ичинде балким мени таппай көз жашыңды төгөөрсүң… Мейли, мен аз жашадым, бирок көптү көрдүм, сен анын бирин билбейсиң, назик-таза бойдон аман жүрө бер. Кызыма мен жөнүндө айта жүр, кош, сүйгөнүм! Сенин сүйгөн жарың Максат" деген бетин окуп Бекмат ыйлап жатты, колунан дептер түшө терезеге келип көпкө турду, Сейит түшүп кеткен дептерди окуп алып, өзүнчө бук болуп турган.

- Азыр Жаузелкан кайда? - деди Бекмат бери карай.

- Россияда, ага атасы жөнүндө айтчу эч ким жок, энеси болсо эбак өлгөн, Жаузелкан ата-энесин көрбөй өстү, мени ата дейт, ошол деп бир канча жыл бойдок жүрдүм, кааласаң үйдү ал! - деди Сейит. - Жаузелкан менен бирге өткөрүп берейин.

- Жок-жок, кереги жок, ошол карындашымды көрсөтүңүзчү мага, таанышып бир тууганымдын өзүндөй көрөйүн!

- Келет, буйруса, мен муну сага айтпай койсом деле болмок, азыр мага анын зыяны тийбейт, бирок ага да тууган керек болот бир кезде, мен картайдым, менсиз аны менин туугандарым тууган кылбайт… төркүн болуп бербейт.

- Туура айтасыз, мен сизге эртең келейин, апамды ала келем, ал… - деп Бекмат көз жашына мууна сыртка чыгып кетти.

Сейит ойлуу үй ичинде көпкө турду да, орду-орду менен салыштырып, илчү килемдерди ордуна илди. Бекмат рублды алган да, караган да жок. Аны өйдө алып, үстөлдүн үстүн жапты, креслолорду алып чыгышкан эмес, таза аба кирсин дегендей терезелерди ачкан бойдон коюп койду. Темир тоскучтардын бекемдигинен улам бүт бөлмөнү шамалдатты. Дивандардын үстүн сүрүп чыкты. Үй ичи кадимкидей болуп калды. Залдагы килем үстүнө сүрөттү илип койду, столдун үстүнө альбомду койду. Үй ичин ирээтке келтирип, анан алтын жасалганын ичинен көздүү шакек менен сырганы алды да: "Нурияны кубантып койойун" деп калгандарын текчеге салып, кулпулады. Кеч келген Сейит себет толтура тамак-аш көтөрүп кирди.

- Нурия, мен сага бир жакшы белек алып келдим, - деди кирип келип эле.

- Кандай белек экен?

- Көзүңдү жум, - деди Сейит, анан кулагына иймекти тагып, сол колунун аты жогуна шакекти кийгизди да, - эми ач көзүңдү, - деди анын маңдайына күзгүнү тосо.

- Ай-ий, рахмат, Сейит, акчаны кайдан таптың? - Нурия кубана кулактарын сыйпалап, колдорун карады. - Рахмат сага, Сейит, ыраазымын сага! - деп кубанычтан өөп койду.

- Менин сага берген бирден бир белегим болсун, алдыда дагы кандай жакшы күндөр бар, биз жакшы жашайбыз. Тамак-аш алып келдим, жакшылап тамак жасасаң куран окуп койолу. Баса, эртең тигил үйгө барып, бирди союп, куран окуталы, антпесе анчалык байлыкты урунуш оңой эмес, - деди шашыла сүйлөп.

- Макул, сен айткандай болсун, - Нурия жаркылдай ашканага чыгып кетти.

Ал күнү эзилген этти асып, Сейит өзү куран окуду, балдары ойноп жатты өздөрүнчө. Сейит болгонун айтып берди. Долларды алмаштырып, базардан орун сатып алып, соодага чыкмак болду. Нурия кубанып жатты. Колунда Сейит берген акча…

Эртеси эртелеп мал базарга барып, бир кой алып келип союп, Максаттын үйүндө казан асып, эт бышырып жатты. Эт бышырылып, колу-коңшусун чакырып жатканда, Бекматтын машинасы келип токтоду. Коңшуларынын көбү Сейитти таанычу. Ага ыраазы болуп, мактап жатышкан. Бекмат кары кемпирди жетелеп кирди ичкери, анын артынан бир келин чоң сумка көтөрүп кирди. Ал Бекматтын аялы Айжан болчу. Кары кемпир кирип келип эле:

- Ээ, айланайындар, Сейит деген балам кайда жүрөт? - деди эки жакка карай, көзү да бүдөмүк белем, колун серепчилеп алган.

- Келиңиз, эне, Сейит менмин.

- Айла-анайын десе, менин неберемди өстүрүп койгонуңа рахмат, уулумдун туягын көзүм өткөнчө көрсөм дедим эле.

- Ал Россияда, эне, аны мен чакыртып көрөйүн, - деди Сейит.

- Ошенте көр, садага, атасы дагы кейип жүрүп өтүп кетти, убагында баламды күнөөлөп. Туура кылган эмес экенбиз, эми гана уулумдун кызынын аман-эсен экенин угуп, изилдеп жүргөнбүз.

- Эне, балким ал келип калат, төргө өтүңүз, келин-уулуңузга куран окутуп жаттым эле, - деди Сейит ызаат көрсөтө колун жаңсай.

- Койо тур, балам, неберемди багып өстүргөн адамга анча-мынча белек-бечкек алып келдик эле, - дегенде Айжан пакеттен кийим-кечелерди алып чыгып, карыга карматты. - Кел, балам, бул менин сага деген арзыбас белегим, - деген кемпир ага чапан жаап, калпак кийгизди.

Көйнөк-жоолукту Нурияга берди.

-Эне, сиздин небере кызыңыздын баласы, бул, - деп ийди Нурия капысынан Тунукту көрсөтө.

Сейит какагандай кызарып кетти.

- Кана, садага, келчи мага, кайда жүрөт? - деп кары кайсалактай эки жагына карады.

Муундары калчылдап, Нурияга жини келип турган Сейит жанына келген Тунукту аргасыз анын колуна карматып:

- Бара гой, таенең болот, уулум, - деди өзүн араң кармап.

Тунукту кучактап алып, кемпир солкулдап ыйлап жатты. Баятан бери унчукпай турган Бекмат дагы, баланы кучактап, өөп, колуна беш жүз сом карматты.

- Пейилиң кең пенде экенсиң, уулум, өгөй кызыңдын өзүн чоңойтуп, эми баласын багып жаткан, кудай сага берет, арбак ыраазы болсун, ылайым жамандык көрбө, көп жашап бактылуу карыя бол, садага! - деп кемпир алкап жатты.

Кирип келип, ичкери өтүп жаткан эл аларга деле көңүл бурган жок. Кары төргө өткөндөн кийин эт тартылды, куран окулуп, Максат менен Жибектин атына багышталды. Жакшы ойлорун айтып, коңшу-колоңу тарагандан кийин Бекматтар калып, көпкө сүйлөшүп отурушту…

Жаузелкан ушул жерге келгенде мени карап:

- Мени Сейит ошол үчүн чакырыптыр, азыр абдан бактылуумун, төркүндөрүмдү таптым, эч кимим жок деген арманым арылагансыды, - деп күлүмсүрөдү. - Жакшы болуптур, эми кайра кетип жатам. Эже, жүрөгүмдү өйүгөн жаман нерсе же ата дей албай же Сейит дей албай кыйнала берчү болдум, канткенде кимге айтат элем бул сырды. Ал эми ак көйнөкчөн аялдын элеси мени ээрчигени ээрчиген, - деп кайрадан сөзүн улантты…

Жуман келгиче Замира менен Жаузелкан ал үйдө жашай беришти, бир маал душка түшүп, Валяны чакыртып алып, жумушун жасатып, өткөн-кеткенди сүйлөшүп, көңүлү жайдары отурду. Күндө эки маал телефон чалып, Жуман ал-абалын сурап билип турду. Бир күнү кечке маал эшик чыр эткенинен Жаузелкан:

- Ким? - деди босогого жетип.

- Мен эле, Жуманга келгемин.

- Кимиси болосуң?

- Иниси.

- Азыр, - деп ача койду, - Келгиле…

- Келдим, саламатсызбы?

- Саламатчылык, киргиле үйгө, - Жаузелкан эшикти бекитип, бери басты. - Бишкектен келдиңерби?

- Ооба.

- Айылдагылар жакшы жатышабы?

- Жакшы, - Жумандын иниси ашкана жакка кирип, суу ичип анан, - сиздер ким болосуздар? - деди.

- Сиздин атыңызды билсек болобу, ато ким деп айтаарыбызды билбей калдык, - деп күлдү Замира анын жанына келип.

- Оо-ой, кокуй десе, аны такыр унуткан турбайымбы, менин атым Курман, сиздердики? - Эки келинди жылмая карады.

- Мен Замирамын, Чүйдөн болом.

- Мен Жаузелкан, мен дагы Чүйлүкмүн.

- Абдан жакшы, мен деле Чүйлүк болом.

- Жакшы экен, бөлөк элге келгенде, Кыргызстандыктарды көргөндө, бир тууганыңды көргөндөй болосуң, өзүбүздүн элде билинбейт, - деди Замира өткөн күнү көз алдына элестей.

- Сиздер Жуман байкемдин таанышы болосуздарбы?

- Таанышып коюңуз, бул сиздин жеңеңиз болот! - деп Замира эмелеги суздугунан жана жаркылдай карап колун жаңсай көрсөттү. - Сиздин байкеңиздин сүйүктүү жары!

- Эмне-эмне-е?! - Курман экөөнү алмак-салмак карады. - Жуман акемдин аялы, балдары бар да айылда! - деди атайын эле чындыкты айтып.

- Эмне дедиң?! - Жаузелкан ыйлагысы келе Курманга тигилди. - Ошол чынбы?

- Эмнеге калп айтмак элем, үч баласы бар, жеңем аны күтүп жатат. Атамдар билип кел деп, мени жөнөткөн, эгерде барбаса өзү келет, балдары атасын тааныбай кала турган болду дешип, капа болуп жатышкан, жеңем болсо кетем дейт…

- Демек, үйбүлөсү туруп, аялым өлүп калган деп калпты айткан экен да, мен акма-ак, эмнеге ишендим экен? - деп Жаузелкан ыйлап, кийимдерин жыйнап, кетмек болуп кирди. - Мен эми биерге бир дагы мүнөт туралбайм! - деп босогону көздөй жөнөдү.

- Токтоңуз, мен байкемдин каарына калбайын, өзү келгенде чечишесиңер, балким анын сизге көңүлү бардыр, сүйүп калгандыр, - деп Курман ага жол бербей койду.

Замира болсо, делдейген бойдон бир жерде туруп калды. Ал дароо өзүнүн бир жыл камоодо болгон күндөрүн көз алдына элестетип: "Адамдардын баары эле алдамчы болуп калганбы, алдамчылар деле бизге окшогон адамдар, ички оюн кантип билесиң, бал тилге салып турса" деп мелтиреп турганда, Жаузелканды Курман колтуктай алып келди.

- Замира, мен алданып калган экенмин да, ээ, сен кандай ойлойсуң, мен ага жолугушум керекпи же жокпу, үйүн инисине калтырып биз кете берелиби? - деди жаштуу көзүн Замирага кадай. - Мени ушунчалык алдаган неменин жүзүн көргүм келбей турат, жүрү кетеличи биерден, - деди.

- Билбейм, курбум, кетсе кеттик, эмне деп акыл айтаарымды билбей да калдым, адамдар неге мынча жүзү кара болуп баратышат? Бири-биринен пайда табууну ойлошсо, адамгерчиликти таптакыр жээрип таштап, адам деген атын макулукча кадыр-барктан пас кылып, пейилдери бузулганын кара? Алдуусу алсызынын канын соруп, биртике байлыктан улуу адамдык касиетин ылдый түшүргөн адамдарга эмне десе болот?

- Койгула эми, кыздар, адамдын баарын бири-бирине окшоштура берген болбойт. Мен айтпай койо албайт элем, ачык айтпасам болмок эмес, эки жылдан бери акча салат да, өзү барбайт. Ошонусуна жеңемдин жини келип, кетем дегенинен мен келгем. Кана эмесе көңүлдүү отуруп, бир чайлашалы, - деп Курман экөөнү отургучка отургузду. - Менин күнөөм кайсы, чындыкты айтканымбы? Эгер Бишкектен таанышып калсак деле бирге отуруп чай ичмектирбиз…

- Жаман акыбалда калдым, бирок чындыкты айтканың жакшы болду, сенде күнөө жок, чын сөзүң үчүн рахмат сага, - деди Жаузелкан көз жашын аарчып.

- Туура, ачык айтканыңа ыраазыбыз, курбум ага аябай ишенип алган да. Жан-дүйнөнүн ооруганы кандай жаман, а өзүң үйлөнгөнсүңбү? - деди Замира Курманга.

- Үйлөнгөм, эки балам бар.

- Азамат, чын айтканың жакты.

- Ооруну жашырсаң өлүм ашкере дегендей ансыз дагы айалым: "сен да калып калбай тез кел" деп жатып жөнөттү, - деп күлдү Курман.

- Аял бышык болбосо, эркектер өзүн билип кетет да, сенин айалың тың окшойт? - деп койду Замира.

Алар сүйлөшүп жатканда, Жаузелкан мелтиреп ойлуу отурду. Курман алып келген базарлыктарын үстөл үстүнө коюп жатканда, Замира газга чай койду, үчөө отуруп тамактанышты. Курман сыртка чыгып барып, бир бөтөлкө арак алып келди.

- Сиздер менен таанышканыма кубанычтамын, биз бир тууганбыз, тар кечүү, тайгак жолдо кездештик. Бир аз капалануулар болуп кетти, эгер менден кеткен болсо, кечирим сурайм, эми бир аз көңүл алышалы, бу дүйнөнүн азап-тозогун унутуп, түйшүктү эстен чыгарып, жакшылап сырдашалы, - деп бөтөлкөдөгү арактан куюп, экөөнө сунду. - Кана эмесе, кыздар, алып койолу, бүгүнкү жолугушуу, таанышуу үчүн! - деп өзү алып жиберди.

- Мен ичпейм, - Жаузелкан ага карады. - Мага кыстабай эле койгулачы, ээ?

- Мен дагы алчу эмес элем, - Замира кармаган бойдон туруп калды. - Ичпей эле койолучу?

- Ошо кантип болсун, эмне мени менен таанышканыңарга өкүнүп жатасыңарбы, мендей жигитке таанышууга куштар болгондор деле аз эмес, көңүлдүн гүлдөй соолуганы, сынганы жаман дешчү эле, шагымды сындырбагылачы эми, - деп ордунан тура калып, экөөнө стаканды карматты. - Мына мындай чоң шаардан жолугушуп отурабыз, мындан ары жакшы тааныштардан болуп жүрөлү, - деп аларды кыстап жатып ичирди.

- Ойи-ий, ушунчалык көп сүйлөйт экенсиң, ээ? - деп Замира закускадан сугунду.

- Жуман мынчалык көп сүйлөбөйт, анан ичпейт дагы, биз жолуккандан бери анын оозуна алганын көрө элекмин, - деди жарым-жартылай ичип, стаканды койгон Жаузелкан.

- Бир энеден туулсак да, окшош жактарыбыз аз, мени абдан шайырсың дешет, кыздардын көңүлүн көтөргөнгө устамын, - деп Курман каткырып калды.

- Ал жагынан Жуман деле жакшы бар, тамашалап күлдүргөнгө устат, - деди Жаузелкан жылмая.

- Ооба десең ай, бир-ата, бир-энеден болушса, окшошот да.

- Кой, мени байкеме окшоштуруп жакшы отуралы, негизи биз бир туугандар көпчүлүккө караганда бири-бирибизге аябай окшошпуз, - деп Курман кайрадан стакандарды толтурду.

Беркилердин кой дегенине болбой экөөнө ичирип жатты, Жаузелкан башы тегеренип калганда: "Уят болуп калбайын" деп ойлоп жатып алды. Замира менен Курман көпкө сүйлөшүп, ичип отуруп, абдан кызып калышты. Курман аны колтуктап, диванга алып барды да, жанына жатып алды. Эч нерсе билбей калган Замира, анын эмне кылып жатканын да биле албады. Курман да кызуу, ошол бойдон жатып алды, таңга маал башы ооруп ойгонгон Замира өйдө болоюн дегенде окшуп кетти, Курман анын кыймылынан ойгонуп кетип кучактап калды. Замира аны бир карап:

- Уят эмеспи, ичирип алып анан ушуга барганың кантип болсун? - деди.

- Койчу эми, эмне болмок эле, аял жаткан жерде эркек тынч жатса, күнөө болбойбу? - деп кучактап, өпкүлөп кирди. - Биякка келгениңерге канча болду?

- Бир жылдан ашты.

- Эмне кыласың?

- Азырынча бошмун, кетейин дегем.

- Мурда эмне кылчу элең?

- Соода жасачумун.

- Эс алып жаткан турбайсыңбы?

- Ошондой.

- Эркектер менен жүрчү белең?

- Көңүлгө жакса.

- Мен жактымбы? - Курман күлө, Замираны өзүнө каратты.

- Жакканда, жакпаганда эмне…

- Жүрүп албайлыбы дегеним да, Бишкекке барсаң катышып турабыз.

- Ким билет, калып калышым да мүмкүн.

- Эмнеге көңүлсүзсүң?

- Курбумдун көзүнчө бул көрүнүшүм туура эмес, анын үстүнө башым жарылчудай ооруп турат, мен жуунуп чыгайынчы? - деп Замира обдула берди.

Курман ал чыгып кеткенден кийин туруп кийинди да, эшикке чыгып тамак-аш алып көптө келди. Жаузелкан алда качан ойгонуп, жанындагы жаткан орундан Замираны таппай бөлмөлөрдү карап көрүп, Курман экөөнүн жатканын көрүп, кайра ордуна барып уктамак болду, бирок уйкусу качып ойгоо жатты: "Эмнеге аны менен жатып алды, жеңил немелер экен деп ойлосо кантебиз? Балким Жуман атайын жибергендир, аялы бар экенин айтсын деп, адамга деги ишениш кыйын болуп калды, Жумандын жалынып-жалбарганына неге ишендим десең" деп ойлонуп кыжаалат боло берди. Бир кезде Замира ал жаткан бөлмөгө баш багып:

- Жаку, жүр тамак бышты, - деди.

- Азыр, - деп ордунан козголуп, бети-колун жууй ашканага келди.

Курман эт алып келип, тамак асты, Замира экөө аз-аздан ичти. Кобурашып отургуча эт бышып, астыга келди. Жаузелкан алар менен ичпей койду. Тамак жеп гана сөзгө кошулуп отура берди. Ошол убакта телефон чырылдап калды эле, Жаузелкан жетип ала койду.

- Ало, - дээри менен ары жактан Жумандын үнү угулду.

- Кандайсың, алтыным, зерикпей отурасыңбы?

- Абдан зериктим.

- Шашпай чыдай тур.

- Үйдө иниң бар, эми мен сен жөнүндө билем, бүгүн чалганың жакшы болду, сага алданганыма өкүнөмүн, жалганды чындай айтканыңа таңгалдым… - Жаузелкан ыйлап жатты. - Бечара болсом дагы, өз оокатымды өткөргөнүм жакшы болчу!

- Жакен, капаланбачы, барганда өзүм түшүндүрөм.

- Түшүндүрүүнүн кажети канча?

- Чыдасаң, Жакен?

- Чыдай албайм, мени акмак катары эсептеп алдаганың эмнең, мен мындайга чыдай албайм!

- Жакен, Жакен, мен үч күндө барып калам!

- Мени эми издеп убара болбо, кетем азыр, үйүңдө иниң бар! - деди да, трубканы коюп койду, солкулдап ыйлап жатты.

Телефон кайра-кайра чырылдады, ал такыр албай койгондон улам, Курман келип ала коюп:

- Ало, - деди.

- Сен эмне кылып жүрөсүң, эмне деп былжырадың?!

- Байке, кам санаба, жеңемди эч жакка кетирбейм.

- Мен барганча үйдө бол, - деп Жуман ачуулуу буркулдап трубканы койду.

Курманбек өзүн карап турган экөөнү карай алакан жая күлдү:

- Мына эмесе, байкемден келтек жей турган болдум, аял алгандан бери тынч болуп калдым эле, эми мени келиштире сабайт.

- Чындыкты айтканың үчүн эмнеге күнөөлөйт? Байкең адегенде келсинчи, анын өзүнүн сазайын берем, - деп Жаузелкан суз, көз жашын аарчыды. - Адам үмүтүн алдаган кандай болоорун билдирип койбосом элеби!

- Кой эми, жеңе, бир ачууңду мага бер, мен өзүм сүйлөшөм аны менен, - деп Курман ашкананы көздөй басты.

Замира бир аз ичкенге ачылып калган, ал Курмандын артынан жөнөгөндө Жаузелкан чыканактан алды. Замира артын карай:

- Эмне болду? - деди түшүнө бербей.

- Отур. - Жаузелкан ага жанынан орун көрсөттү.

- Эмне? - Отуруп жатып сурады.

- Сага жин тийдиби, бузулган немелер экен дебейби?

- Ой, койсоңчу, курбум, бир аз ичип койдум, анын эмнеси бар экен? Жалгыздыктан да, ушу жашоодон да тажап кеттим, капаланбачы эми, мындан кийин такыр ичпейм.

- Мейли, тамактангандан кийин менин жаныма жат, эс алабыз, мен Валяны чакырып, үйдү жыйнатып койом.

- Болду-болду, сен айткандай болсун, - деди да Замира ашканага кирип кетти.

Жаузелкан үнсүз карап кала берди, көптөн кийин Курман чыгып келди да:

- Жеңеке, жүр тамактаналы, көп ойлоно бербеңиз, байкем экөөңөр биякта жашай бересиңер, анын эмнеси жаман, эки аялдуулар азыр толуп жатпайбы? - деди.

- Мен экинчи аял болуп жашабайм, Курман, сен бизди башкача ойлоп жатасың го, чынында сенин дагы ичкениң жакпай калды. - Ордунан турган Жаузелкан уктоочу бөлмөнү көздөй басып кетти.

- Койсоңузчу, жеңе, башка келсе байтал жорго дегендей эгер байкемди сүйсөңүз баарына көнөсүз, акыры жүрүп бириңер жеңесиңер. Аялдар көтөрүмсүз болот, Гүлкан жеңемдин чыдамы кетип калды, балдарды таштабайм деп өзү деле кеткени калды, - деп көпкө сүйлөдү.

Жаузелкан башка үн дебеди. Ушул кезде анын оюна Кутмандын ата-энесинде калган баласы түштү: "Аман болсо, онго чыгып калды, мени билбейт. "Сени өзүм төрөгөм" дейт болду бекен энеси, же "Апаң өлгөн" деп койдубу? Кандай кылып бир көрүп алам, ушул бойдон көрбөй өтүп кетемби?", - деп жатып алып ойлоно берди.

Батирине бир жумадай барбай калышкан, ошол арада Бекболот келип таппай калды, орус кемпирге жолугуп сурады эле, ал билбегенин айтты, буюмдарын алып кете элегин угуп, кайра-кайра келсе да жок, ошондо ал кат жазып таштап кетти. Жаузелкандар болсо Жуманды күтүп жатты, Замираны Жаузелкан урушкандан кийин ал ичпей да, Курманга да жолобой калды. Үчүнчү күнү түн ортосу ченде Жуман кирип келди. Баары катуу уйкуда болчу. Кирип эле Жаузелканды уктоочу бөлмөдөн издеди, ал жалгыз эле, тигиндейирээкте Замира өзүнчө жаткан, жарыкты күйгүзүп:

- Жакен, мен келдим, - деди акырын эңкейип, бетине бетин тийгизе.

- Аа-а, - деп тура калды ал.

- Коркпо, Жакен, мен элемин, - деп бетинен өпмөк болду эле, ал өйдө боло калып:

- Жөнчү, Жуман, жатып эс ал, эртең менен сүйлөшөбүз, - деди.

- Сагындым…

- Жалган, эки аялдын ортосунда ойногуң келдиби?

- Койчу эми, мен сени сүйөм, капаланбачы анчалык.

- Күлөйүнбү, же кубанайынбы, "тар заманда токолдукка тийдим" деп?

- Койчу, жаным, сагынычымды жазчы, алыстан сен деп келдим, болбосо дагы үч-төрт күн жүрмөкмүн, сени сагынып, сен үчүн жетип келдим, - деп жолоткусу келбей булкунуп жаткан Жаузелканды бекем кучактап жатып алды.

Жаузелкан андан бошой албасын билип аргасыз көнүп берди, көздөрүн жумуп, көөдөнүндө ызалык каптап, жан дүйнөсү сыздап жатты. Замира алардын үнүнөн капыстан ойгонуп кетти да, дабыш чыгарбай дымып жатып калды.

- Жуман, сен мени ушунчалык ойноткуң келдиби? - деди Жаузелкан көптөн кийин. - Динараны кайда алып бардың?

- Жакен, менден эмнени сурагың бар?

- Сен аны сатып келдиң, мени келесоо ойлобо, мен баарын билем, адамдык касиетиңди жалаң акчага алмашып койгон жансыңбы, деги сен кимсиң?

- Кыз-ык, - деген Жуман каткырып жиберди. - Сен ошондой деп ойлойсуңбу? Жок-жок, Жакен, Динараны жолуна салдым, анда менин күнөөм жок. - Жумандын көз алдына көздөрү жайнап, ыйлаган бойдон калган Динара келип, жинденип алгандай болду. - Эми бул жөнүндө сөздү токтотолу.

- Сен адамгерчиликти унутуп, адамдык сапатыңды жалаң акчага баалап, адилеттик, акыйкаттыкты дилиңден чыгарып, бүт жан дүйнөңдү байлыктан төмөн таштап, таманыңа тебелеп салган адамсың го?

- Жакен, Жаке-ен, - Жуман анын үстүнөн түшүп, чалкасынан жатып калды. - Билесиңби? Адамгерчилик-акыйкаттык деген куру гана айтылган сөз, адам жалаң акыйкатчылык, адилеттикти көздөп жашайм десе, ал болбогон нерсе. Акыйкатчылык менен бийликке умтулуп жете албайт, байлыкка жете албайт, ар бир иштин ортосунда куйтулук, кара санатайлык, көрө албастык менен шылуундук болбосо, ушул кудайдын бир жолку берилген жашоосунда эч нерсеге жетпей өтүп кетет. Адилеттиктин арты - арман. Бийликтин жолу - байлык, муну түшүнбөгөндөр, чортамандыктан кутула албай өтүп кете беришет! - деп Жуман Жаузелканды өзүнө имере тартты. - Ошондуктан аз жашооңдо маңыздуу жашай билишиң керек! - деп бетинен өөп койду.

- Сага түшүндүм, мени ошондуктан алдадыңбы?

- Сени алдаганым жок, сүйүп калдым, эгер сени сүйүп калганым менен эчтеке колумдан келбесе, сага жете албаганыма арман кылып, өтүп кете бермекмин. Ал эми сүйгөн адамың сенин байлыгыңды каалабаса да, өзүңдү баалайт, өзүңдү сүйөт деп жазылып, дастандарда айтылып жүрөт, мунун баары жалган. Ошол сүйгөн адамы экөө кошулду дейли, алардын колунда эч нерсе жок, бир күнү уруш-талаш чыгат, жокчулукта сүйүүнүн кадыры тез кетип, ысык сүйүү бат өчөт.

- Сенин оюңча баарынан жогору турчу байлык экен да?

- Албетте, бийликке тепкич болуп берет байлык, бийликти алга карай демөөр болуп жетелеген да байлык. Байлыксыз адам бактысыз. Ал эми ошол байлык үчүн жан үрөп, кээ кезде жүзүң кызарчу уят ишке да барууң керек. Адам экениңди унутуп, сен өзүңдү макулукка айландырып салышың керек, абийир деген байлык топтоочу жан дүйнөңдө жашабаш керек, жан кечти, кара мүртөз, эки жүздүүлүк гана байлыкка жеткирет.

- Аялың менен балдарыңды да байлык, орто жолдогу кокустан кабылган көңүл сүйүүсү үчүн кечип кетүүгө даяр экенсиң да?

- Аялыма келсек, чындыгында сүйүп алган аялым өлүп калган, бул анык, а балдарымды эч качан, эч качан кече албайм!

- Балдарыңды кече албаганың жакты, аларды төрөгөн аял сен үчүн ким?

- Кечирип кой, Жакен, мен аны сүйбөйм!

- Калп айтпа, үч балалуу болгуча жанында жаттың, ал үчүн кам көрдүң, эми сага анын кереги жокпу?

- Ал өзү деле кетет.

- Кетпейт, мен эми айылга барам да, ага жолугуп сүйлөшөм, ага чындыкты айтам, эч кайда кетпешин түшүндүрөм, мени эми жайыма кой, ара жолдо калсам да, ач-ток болсом да кайылмын! - деп Жаузелкан терс бурулуп кетти, ийиндери солкулдап ыйлап жатты.

Жуман унчукпады, экөө эки жакты карап жатып алган менен укташпады. Аңгыча терезеден таңдын шооласы жарык чачып, тирүүлүктүн жышанасы болгон өмүрдүн дагы бир таңы миңдеген адамдарга нурун чачыратып, үйгө мээримин төгө баштады. Жуман ордунан туруп барып, алып келгендерин алды да Жаузелкандын баш жагына койду, үстүнө алтын жасалгаларын коюп, өзү ашкананы көздөй чыкты. Ал иниси Курман менен ашканадан беттешти. Алар бир топко чейин кыжылдашты, чукулдашты, анан жөн сөзгө өтүштү.

- Сен эми жаш эмессиң да, байкап сүйлөбөйт белең? - деди таарыныч кыла Жуман.

- Байке, мен эми атамдын айтуусу менен келгем, сизди тез келсин деп жатпайбы, балдарыңыз ыйлап, күтүп жатат.

- Аларды алып калгыла да, Иринаны кетем десе кетире бергиле, мен аны менен жашабайм!

- Атам өзү келсе да, ушуну айтасызбы?

- Ооба.

- Жеңем кетпесечи?

- Кетпесе тим койгула, бирок мени күтпөсүн!

- Анан ушинтип жашай бересизби?

- Жашай берем, убагы келгенде, баары ордуна келет.

- Мен качан жөнөйүн, эрте кел дешти эле…

- Эртең кетесиңби?

- Мейли.

- Жаузелкан жөнүндө айта бар, мен чечтим, андан ажырай албайм.

- Айтам.

- Ошент, мен сага акчаны берем, көрсөтпөй алып баргын, анан менин айтканымды түз жеткир, Ирина укса уга берсин.

- Болду, байке.

- Мындан нары бекер ооздугуңду карматпай жүр, Жаузелкандан кечирим сурайсың, макулбу?

- Макул, - деп Курман башын жерге салып жооп берди.

- Кызым Раного, Элмурат менен Бекмуратка дагы белектерди алып берейин, өзүңө болсо акча берем, каалагандарыңды алып ал, - деди да, Жуман ордунан туруп келе жатып, ажааткандан чыгып келаткан Замира менен баш ийкей учурашып, Жаузелкан жаткан бөлмөгө кирди. Ал ошол бойдон эле жаткан экен, жанына отуруп, бетинен аймалап ойготту, ал ойлонуп жатып уктап калган.

- Ии-ий, болдучу! - деди ал Жуманды түртө.

- Жакен, турсаң өйдө, мына буларды карачы, сен үчүн алып келдим, карап койсоң эми, - деп болбой аны өйдө кылып, алдына отургузду да, алтын кутуларын анын колуна берип, - өзүңдү кармасаң эми, ачуулана берген жарабайт, - деди жүзүнөн өөп.

- Мага эч нерсенин кереги жок, жарды болсом да жан дүйнөмдү жабыркатпай жашоого көнгөм, мага өлүү дүйнө менен жансыз буюмдун кыпындай да кереги жок, сен байлыгың менен үйбүлөңдү сыйла, байыт, мага окшогонду азгыра албайсың!

- Суранам, эркем, сен деп жашайын, өмүрүм өткөнчө сенден башканы карабайын, айтканың менен болоюн, Жакен, бир жолку жаңылыштыгым үчүн кечирип кой, каалайсыңбы бүгүн эле сени чет өлкөгө алып кетейин?

- Жума-ан, деги сөз укпайт экенсиң, - деген Жаузелкан ойлоно кетти: "Эмне деген адам деги, мен өтө текебер окшойм, ушунчалык чөгөлөп, кечирим сурап отурган адамдын шагын сындырганым болбос, балким ырас эле тагдырым ушуга байланыштуу болсо, баш ийбегенде кантмек элем" деп ойлонуп, - Жуман, сени дагы эле түшүнө албай турам, терең ойлон дебедим беле, калп айтып жашоону жолго сала албайсың, алдыңда дагы бир топ машакаттуу күндөр бар, туруштук беришибиз кыйын, - деди ага тике карап.

- Адегенде сен мени ук, андан кийинкисин көрө жатаарбыз, кана сүйлөштүкпү? - Жуман келинди чоп эттире өөп койду. Жаузелкан бир аз өзүн токтото, алып келген кийимдерин кармалап көрүп, алтындарды кызыга карады. - Сен буларды азыр кий, экөөбүз бир жакка барабыз, - деди Жуман. Жаузелкан бир азга моюн толгоп туруп, анан кийинип, алтындарды тагынып алып, күзгүгө келди. - Сен менин кымбаттуум, мурда жолукпай кайда жүрдүң эле деги? - деп Жуман Жаузелкандын артынан кучактап, күзгүдөн аны тойбой карап жатты.

Ал чынында: "Мындай сулуу келинди кийимдин жакшысына бөлөп койсо, "кызга бергис, жубан бар" дегендей алаканга акча толот" деп ойлогон. Бирок кайда барса, оюнан кетпей Жаузелкан анын жүрөгүн ээлеп алды, атайын жасаган оюну чынга айланып, андан чыга албай турган абалга жеткен эле. Болбосо керектүү дарекке жеткирип, эмдигиче айласын тапмак. Аялына көңүл кош болуп жүргөндүктөн, дароо эле бир чечимге келип, ага чындап үйлөнмөк болду. Динараны болсо, өзү сүйлөшкөндөй эле Аравияга жеткирип коюп, кайра келген. Бөтөн адамдарды көргөн Динара көз жашын кылгырта: "Байке, мени кайда алып барышат?" дегенде Жуман: "Эч кам санаба, карындашым, сен Кыргызстанга барасың, сендей болуп адашкан кыз-келиндерди топтоп анан жөнөтөт" деди да, алардын берген акчасын алып, жолуна түшпөстөн көнгөн адатынча көңүл ачуу "коргонуна" баш багып, аерде эс алып жатып, анан жолго чыкты.

- Жарашат бекен? - деди анын оюн буза Жаузелкан, күзгүдөн өзүн кучактап турган Жуманга.

- Аа-ябай! Сен чүрөктүн чүрөгүсүң, Жакен, сени бир эски-ускуга ороп койсо дагы бөлүнүп көрүнүп турасың. Мисалы алтынды алалы, аны кайдан болсо да таап бөлүп алса болот, ал топуракка, кумга окшобойт, ошол сыңары сен да башкача жансың, - Моюндарынан өөп, кулагына шыбырады. - Эркем менин, таарынбай жүрчү, ээ?

Буларды кирип келе жатып көргөн Замиранын ичи тарып кетти: "Мен мындан кемминби, мындай бакытка татыктуу эмесминби? Чынында мени убактылуу гана пайдаланчулар табылат, түбөлүк жар кылып алууну бири да ойлобойт, мунун баласы бар, мен болсом баламды дайынсыз жок кылдым, мен аял, эне эмесминби, менден ушундай сыр көрүнүп турат болду бекен?" деп карап туруп, заматта жаркылдай, алардын жанына жетти:

- Ой ии-ий ай, тим эле канышанын өзү болуп калыпсың, Жаку?

- Жакеним канышадай жашоого ылайык да?

- Койсоңчу, менчелик сулуу болбосо да, - Келин кайрыла берип, курбусун карады. - Ырас эле жарашат бекен? - деди өзү билип турса да, кубанычын жашыра албай.

- Укмуш ай, аяш тим эле сага өлчөгөндөй алыптыр кийимди дагы, - Аны Замира айланта карап, суктанганы көрүнүп турду. - Сени ушул замандын канышасы деп сүрөткө тартып, кылымдарга калтырчудай болуп калыпсың.

- Анчалык мактабагыла эми.

- Жүргүлө карын кампайталы, тим койсо дегеле сөзүңөр түгөнбөйт, силерди күтүп жатып тажап кеттик.

- Мына азыр барабыз, - деген Жуман Жаузелканды колтуктап жөнөдү.

Алар менен катар келе жаткан Замиранын оюу талаада, өзүнчө туталанып жатты, бирок өзүнө жардам бергенин ойлоп: "Мен ушундаймын, бактысыз болуп калдым окшойт, бирөөнү көрө албаган кыялым бар, Жаузелкандын бир да жолу анткенин көрбөдүм, качан болсо колунан келгенине жардам берет, боорукер" деп ойлоп өзүнүн ички күптүсүн билгизбегенге аракет кыла, ашкананын төрүнө өттү:

- Кана эмесе, жай алгыла, эки жаш, силерди күтүп, тамак баятан бери жалдырап, Курман экөөбүздүн курсагыбыз курулдап кетти, - деп табактагы беш бармакты ортого койду.

Төртөө отурганда тамакка карабай туруп, Жуман Курманга кайрылды:

- Кана, иничек, жеңеңден кечирим сурайсыңбы?

- Ой, жо-ок, кереги жок! - Жаузелкан шашып кетти.

- Бар, сурашы керек!

- Бул эмне дегениң? - деп Жаузелкан аны караганда, Курман:

- Кечирип коюңуз, ашыкча сүйлөп койдум, мени кечириңиз, - деди башын жерге сала.

- Кечире турган эч нерсе жок, бекер кылдың, Жуман.

- Туура болду, кана эми тамакка карасак болот, - деп Жуман тамакка кол жаңсады.

Кашык менен чынынын үнү, ууртаган дабыш гана угулуп, көпкө үнсүз тамактанышты. Андан кийин Курман менен Жуман жолго даярдык көргөнү чыгып кетти эле, Жаузелкан батирин көздөй жөнөдү. Замира дагы аны менен. Алар келишсе, батир ээси ага кат берди. Аны окуп жатканда:

- Сага Сейит телефон чалып жатат, сен барышың керек экен, күтүп жатышыптыр, - деди орус кемпир.

- Эмнеге?

- Мен кайдан билем? - Ийинин куушурду. - Көп жолу чалды.

- Анда мен телефон берейин, ошого чалсын, - деп Жумандын үйүнүн телефон номурун берди да, жөнөп кетти.

Замира аны ээрчип жүрө берди. Экөө үйгө келгенден кийин ага-ини ээрчише, эки чоң сумка көтөрүп киришти. Ошонун эртеси эле Жуман Курманды Бишкекке учакка салып ийип, кайра келди. Үчөө чогуу отурган кезде телефон шыңгырап калды. Жуман жетип алды да:

- Да-да, угуп жатам, түшүнүктүү, ооба-ооба, мен түшүндүм, дал ошондой болот, жок-жок эртең эмес, үч күн бериңиз, жок-жок, айттым го? - деп ачык айталбай трубканы коюп койду.

- Ким? - деди Жаузелкан суроолуу.

- Компаниядан.

- Бир жакка барасыңбы?

- Ооба, зарыл иштер чыгып калды, барбасам болбойт, - деди да, - Жакен, дагы бир-эки жумага кетүүм керек, силер Замира экөөңөр туруп тургула, бул акчаны керегиңе жумша, кыйналбагандай болуп жашай бергиле, - деп шашыла чыгып кетти.

Ал чыгып кетээри менен кайра чырылдаган телефондун трубкасын Жаузелкан алса:

- Угуп кой, эгер аткара албасаң, качып кутулам деп ойлобо, мен сенин ар бир изиңдемин, буйтаганды токтот, кечээги кызың качып кетиптир, кайра төлөшүң керек, асмандан жааган акча жок, сенин өзүң эмес, кызматты так аткарышың зарыл, кылт этсең башың кетет! - деп зымдын аркы башындагы корулдаган жоон үн трубканы коюп койду.

Муну угуп Жаузелкандын жүрөгү түшүп калды: "Бул мафияда турбайбы, мындан кетпесем болбойт" деген ойго келип, креслого шалак эте отуруп калды. Замира аны аңкая карап:

- Эмне болду, деги тынччылыкпы? - деп сурап жатты.

- Курбум, бул жерден кетишибиз керек, болбосо бир балээге кабылабыз, - деди ага карап.

- Эмнеге анчалык?

- Ага жооп айта албайм.

- Анда эмнеге?

- Кетиш керектигин гана билем.

- Мейли, бир аз суу ичип эс алчы, өңүң жаман болуп кетти.

- Ичсе ичейин, берчи суу.

- Мына, - деп суу алып келе калды Замира.

Ошентип дароо буюм-тайымдарын жыйнаштырып, калган тамак-ашты алып батирге келишти. Батир акысынын бүтөөрүнө үч-төрт күн калган, төлөп жашай берээрин же биротоло башка батир котороорун билбей эси ооп отурганда, кожейкеси телефонго чакырды. Бул Сейит эле:

- Жакен, бул мен Сейит, сени биякта абдан жакшы жаңылыктар күтүп жатат, тезирээк келесиңби?

- Кандай жаңылык?

- Келгенде көрөсүң, сени зарыга күтүп жатышат.

- Тунук кандай?

- Жакшы, аны чоң таенеси алып кеткен.

- Каякка?

- Чоң-Арыкка эле…

- Түшүнбөдүм, сиз…

- Мен үйлөнгөм, азыр апаң, баары бар!

- Анда мен ушул жума барып калам.

- Ошондой кыл, кыз-зы-ым… - деп Сейит зорго айтты.

- Макул, - деди да Жаузелкан телефонду койду.

- Ким экен? - Замира ал батирге кирээри менен сурады.

- Сейит атам.

- Эмне дейт?

- Келип кал дейт, үйлөнүптүр…

- Качан жөнөйсүң анан, мен кантем? - Замиранын заманасы куурула түштү.

- Көрөбүз да…

- Билбейм, мен талаада калгандан корком, Жаку, мени эптеп ала кет, жакшылыгыңды унутпайын, - деп ыйлап ийди Замира.

Экөө ошентип, үч күн үйдөн чыкпай жата беришти. Жумандан кабар болбоду, "Эгер ал үйгө келип, таппай калса, мында келиш керек" деп ойлоп жаткан, бирок ал келген жок. Төртүнчү күн дегенде ал үйгө барса бек, ачып кирсе, үй ичи чачылган. Үч бөлмөнү үч көтөрө чачып, бир нерсе издегендей, ашканага киришсе, пол кан болуп калыптыр, ооздору ачыла коркуп бири-бирин карашты да, үйдөн шашыла чыгышты. Ошол эле күнү вокзалга барып, үч күндөн кийин кете турган болуп белет алышты.

Анан Жаузелкан өзү соода жасаган базарга келип, орунунда бирөө отурганын көрүп, базаркомго жолугуп, акчасын алып, керектүүлөрүн даярдап, батирине келсе, Бекболот күтүп туруптур. Ага айылга кетем деди эле, ал жакшы жумуш тапканын айтып, бир аз акча берди. Инисинин өзгөрүлө түшкөнүн көрүп, кубанган Жаузелкан:

- Беку, атам үйлөнүптүр, - деди жылмая.

- Эмнеге, эми карыганда аялды эмне кылат?

- Антпе, садага, ал картайып калды, же сен, же мен карай албайм, кир-когу, тамак-ашы болот, эркек киши кыйналат да?

- Мен үйлөнсөм карайт элем го?

- Сен үйлөнгөнчө кыйналып калбайбы?

- Тунук кандай жүрүптүр?

- Жакшы дейт.

- Макул анда, үйлөнсө үйлөнүптүр да, сиз барсаңыз менден салам айтыңыз, - деп ордунан турду. - Мен кетишим керек, кетсеңиз жакшы барыңыз, - деп жөнөй берди.

Замираны өзү менен бирге алып, Жаузелкан Бишкекти көздөй жөнөдү. Жолдо келе жатып, ар кандай ойлорго берилип келет: "Жуманга эмне болду экен, анын үйүнө кимдер келди, эмнеге полдо кан жыттанат, өлтүрүп кетишкен жокпу?" деген ой башына келгенде, бүткөн бою дүркүрөй түшөт. Таңга маал Пишпек бекетине келип, токтоору менен ашыга жүткүнгөн жолоочулар менен бирге жерге түштү да, такси кармап, дарегин айта салып, адегенде Замиранын ата-энесиникине баралы десе ал болбой койду. Анан Сейиттин үйүнө жөнөштү. Сейиттер уктап жатышкан, короолору ачык, маңдайкы времянкада батирдегилер бар экенин дароо түшүндү да, көнгөн тааныш үйгө кирип барып, түз эле залга өтүштү. Дабыштан ойгонуп кеткен Сейит чыгып келип Жаузелканды көрө суз учурашты. Аны Жаузелкан түшүнөт, бала кездегисиндей аталап, мойнуна асыла албайт, ал дагы баягысындай "кызым" деп жүзүнөн сүйө алмак эмес. Ортолорунда бири-бирине тоскоолдук кылган парда турганын экөө тең түшүнөт.

- Келдиңби? - деди көптөн кийин.

- Келдим, кандай жатасыңар?

- Жакшы, азыр эс алгыла анда, эртең менен сүйлөшөбүз.

- Макул, - деди Жаузелкан.

- Жакшысызбы? - деп Замира дагы учурашкан болду.

Сейит ага башын ийкей бөлмөдөн чыгып кетти. Экөө төшөк салбай эле жатып алып, уйкулары келгендей ар кимиси өз ойлору менен алек болуп жатышкан. Замира: "Эми өз элиме келдим, үйгө эмне деп барам, кайда жүрдүң эле десе, кандай жоопту айтам, же тааныш кыздарды издеп көрсөмбү?" деп тынчы кетип жатты. Жаузелкан бир топтон кийин:

- Замира, өзүң айтабы десем үндөбөйсүң, эми келген расходду кийин-кийин таап берээрсиң, ага чейинкисин, баскан-турганыңды сурабайын, - деди аны сынай карап.

- Курбум, колумда болгон учурда сенин карызыңды сөзсүз берем, ал эсимде…

- Мейли эми, мага капа болбо, ата-баланын ортосунда да мындай эсептешүү болот экен.

- Түшүнөм, - деди ойлуу. - Өз элиме келдим, эми кайда барам, Жаку? Ошол менин жүрөгүмдү өйүтүп жатат.

- Кантсе да өз эл эмеспи, кыйынчылыктын баарын артка таштадың, эмкиси эчтеке эмес, кырсыктан кудай куткарды, эмкисинен коркпо? - деп күлүп койду Жаузелкан.

Аңгыча таң атып, жан-жаныбар кыймылга киргенде Сейит баш багып, аларды чайга чакырды. Көтөрүнчөгүн ала чыкты Жаузелкан. Буюмдарын алып, Нурияга жоолук салып, көйнөк кийгизди, Сейитке дагы көйнөк карматып, анан уулун издеди.

- Тунук уктап жатабы?

- Ооба, кечээ апаң келет деп алып келгем.

- Аа-а, ойгонсун анда, - деп Жаузелкан таттуу-тармек салынган сумкасын Нурия жакка жылдырды. - Тигил үй чирип кетпеди бекен?

- Жо-ок, ал үйдү өзүндөй кылып карап жатабыз, барсаң көрөсүң.

- Жакшы кылыпсыздар.

- Биротоло келдиңби? - деди Сейит аны жалт карай.

- Кайра кетишим да мүмкүн…

- Биерде болгонуң деле жакшы, үй-жайың турат.

- Көрөм го.. .

Тамак үстүндө кыска суроо-жооп алышып, кобурашкан болушту. Нурия Жаузелканды карап: "Тобо-оо, мындай окшоштукту кинодон эле көрбөсөм, жашоодон биринчи жолу көрүшүм, энесинин өзү турбайбы" деп ойлоп коюп, кээ-кээде:

- Алсаңар, ичсеңер боло? - деп отурду.

- Алып жатабыз.

- Кыйналбай эле келдиңерби?

- Жо-ок, жакшы эле…

- Бекболоттон кабар алдыңбы? - деди Сейит көптөн кийин.

- Биякка келээрде жолуктум, иштеп жатыптыр.

- Жакшы болгон экен.

- Жумушум жакшы деди, азыр келбейм дейт.

- Аман болсун, - деп койду Сейит.

Ошону менен сөздөрү бүтүп, дасторконго бата кылгандан кийин Жаузелкандын үйүнө бармак болуп жолго чыгышты. Сейит башын жерге салып келе жатып: "Максаттын каткан акчасын, бүт мен алып алганым болбойт. Балким машина алып ал десем, баласы менен жашай берээр. Үйү деги турат. Ошондо арбактын карызынан кутулаармын" деп ойлонуп, унаадан түшөөргө келгенде гана ордунан турду. Үйдү ачканда эле кадимки адам жашагандай болуп турганына кубанып, кирип келе жатып, өгөй энесинин өзүн урганы, кир жууп, суу ташыган секелек кези, ага болушуп Сейиттин урушканы көз алдына тартыла, ойго чөмүлүп кетти.

- Мына, баары ойдогудай, Нурия экөөбүз баарын тазалап, жууп койгонбуз, - деди Сейит.

- Рахмат сиздерге!.

Көзүнө жаш чайыла түштү. "Кандай жакшы адам, эгер апам өлбөгөндө, бактылуу болмокпуз, өгөй экенин билбей да калмакмын. Аттиң, табышмагыңдан айланайын тагдыр ай, ушул адамды мен наристе кездегидей аталап турсам болбойт беле, бетке чиркөө болчу наристе, баары бир өткөндү унуттурбайт го" деп ичкери залга кирди. Залда илинген сүрөттөрдү карап туруп, жашоодогу өмүрдү кыскартаар да, узартаар да жакшы сөз экенин билди. Бирок жакшы сөз кайдан чыгат, жаман адамданбы же жакшы адамданбы? Аны тастыкташ кыйын.

- Азыр коноктор келет, - деди Нурия.

- Кайдагы конок? - Жаузелкан суроолуу карады.

- Бир аз чыдагыла, урматтуу коноктор келет, - деп жылмайды Сейит.

- Кызык, ал жөнүндө айтылбады эле го?

- Сага сюрприз кылалы дедик.

- Кызык… - Жаузелкан ойлуу телмирип калды.

Ошол убакта сыртка чыгып кеткен Сейит кобурашып бирөөлөр менен келе жаткандай болду.

- Келип калышты окшойт, - деп Нурия босогону көздөй басканда, эшик ачылып бейтааныш адамдар: өтө карыган кемпирди колтуктап, бир келин кирип келе жаткан эле, - Келиңиздер! - деп Нурия кемпирди карай учурашып калды.

- Кана, айланайын, кайда жүрөт менин неберем? - деп кемпир колдорун алга карай созо ар кимисин карады.

Замира менен Жаузелкан таңгала карап катар турушкан. Нурия Жаузелканга келип, ийинден алды да:

- Эне, небереңиз мынакей, - деди.

- Кандай небере, эмне деп жатасыңар? - Жаузелкан ар кимисин таңыркай карап тура берди.

- Садагаң кетейин, мен сенин чоң энең болом, кел-келе гой? - деп байбиче колун суна, көз жашын чуурта, өзүн көздөй келе жатты.

Үнсүз көз жашын көлдөткөн келин, эбак өлгөн ата-энеси тирилип келген сымал, кубанаарын же таптакыр кабыл албай коюшун биле албай, өзүн кучактап туш келди өпкүлөп жаткан карыга үндөй албады. Көптөн кийин Бекмат келип учурашты, андан кийин Айжан өз ирээти менен учурашкандан кийин жай алып отурушту. Ушул кезде так маңдайда эч нерсе менен иши жок бактылуу жылмайышкан Максат менен Жибектин сүрөтү көзгө илинди. Аларды көз айрыбай тиктеп отурган Жаузелкандын көзүнө сүрөт кыймылдап жибергендей болду: "Байкуштарым, билип жаткансыңар го, булардын баары үчүн Сейитке гана ыраазы болушуңар керек, ошол эми тынч, бактылуу болуп кетсинчи" деп телмире, сүрөт менен тиктешип тура берди.

- Айланайын Сейит балам, сен адамдан башкача кең пейил, дили таза адам экенсиң, балким сенден башка болсо бул кызды кайда таштайт эле? Бул үйдү сактамак турсун, сатып жок кылмак, сен ушул кыз үчүн баарын сактап-тутуп келипсиң, чоң ыраазычылык сага! - деди байбиче ага карай.

- Ооба, адамгерчилигиңиздин бийиктигине сөз жок экен, биз уялып калдык, бир келип кабар албаганыбыз үчүн кечирим сурайбыз, карындашым, - деди Бекмат жер тиктеп.

- Эчтеке эмес, Жакуга силер эми керексиңер, "төркүнсүз кыз төбөсү түшкөн үйдө отурат" деген, - деди Сейит аларга кайрыла, - Жакуну өз кызым деп билем, болгон күчүм менен бактым, болгон аталык мээримимди төктүм.

- Ыраазыбыз айланайын, - Байбиче башка эчтеке айталбады.

Бир кезде алдуу-күчтүү кезинде өзүнүн барчылыгына демөөр кылганына ичинен өкүнүп турду, уулунун өмүрү кыскалыгына кейип, кыз да болсо туяк калганына тобо кылып калган эле. Сейит күн мурунтан даярданып койгон, аларды коноктоп, анан узатмак болду.

- Жаку, эми биз менен бирге баргыла, үйдү көрүп бир туугандарың менен тааныш, - деди Бекмат.

- Туура, барып кел, кызым, - деди Сейит ага.

- Кийин бараармын, - Жаузелкан жер карай нымтырады.

- Кой, садага, бизди күтүп жатышат, Максаттын бир тууган инилери, карындаштары чогуу көрүп таанышып алалы деп жатат, кызым, - Байбиче Жаузелканды колунан кармай өптү. - Жүрө гой, кагылайын.

- Бара гой, улуу кишилерди капа кылганың болбойт, - Нурия да сөзгө кошулду. - Сен эми баарын түшүнүп калбадыңбы?

- Чогуу жүргүлө, силер да биз менен баргыла.

- Жо-ок, эне, азыр Жаку барып кенен-кесири таанышып, боорлошуп алсын, кийин барабыз, - деп Сейит болбоду.

Жаузелкан курбусу Замираны карады. Анан экөө кийинип алып, алар менен кошо чыгышты.

Бекмат аларды түз эле шаардагы өзүнүн особнягына алып келди, аларды күтүп жаткандар жабыла чыгып, машина токтогондо эле карап калышты. Ар кимисин чоочуркай караган Жаузелкан түшпөй туруп калганда Бекмат өзү келип, аны колтуктан ала түшүрдү да:

- Кана, менин карындашым менен таанышып койгула, - деди жылмая.

- Саламатсыздарбы? - Жаузелкан аларга карай баш ийкеди.

- Саламат-саламат, - дешип келип, ар бири кучактап өөп жатышты. - Чоңоюп калган тура.

Ошол убакта алар менен аралашып, көнүп калган Тунук жетип келди:

- Апа-а, апаке, келдиңизби?

- Ооба, келдим, уулум, - Жаузелкан уулун кучактап, ыйлап жатты.

Өкүнүчтүү тагдыры ага бул уулду өткөнүн унутпоого бергенин дагы бир жолу түшүндү. "Аттиң, карабай кантип койом, эми Сейит үчүн эмес, мен үчүн керек бул бала. Дүнүйөнү түп көтөрө кыдырып чыккан күндө да, мен табаламбы, же унута аламбы болгон окуяны? Кээде түшүм эле болсо керек деп ойлоп кетем, бирок түш эмес экенин Тунугум далилдеп турбайбы" деп туңгуюк суроолордун курчоосунда калды. Аңгыча үйгө алып киришти. Абдан кооз салынган особняктын ичи андан дагы кооз экен. Экинчи кабатка көтөрүлүп, заңгыраган кең бөлмөдө стол үстү даярдалуу экен, орундуктарга отуруп калышты. Тунук кайра балдар менен ойноп кеткен болчу.

- Кана кыздар, дасторконго карагыла, - деди Бекматтан кийинки карындашы Альфия. - Жаузелкан, мен сени тааныйм, - деп күлдү анан.

- Ооба, мен деле сизди көрүп жүргөм.

- Билесиңби, баягы сени алып кеткен жигит менин кайнимдин аялынын агасы болчу, аны жакында үйүнөн өлтүрүп кетишпедиби?

- Ки-им? - Жаузелкан өңү өзгөрүлө, көздөрүн бакырайта карады.

- Ким билет, кандайдыр бир иштери бар болсо керек, биз дагы ошондо келгенбиз, ошол бойдон барбай калдым.

- Жаман болуптур…

- Абдан жакшы жигит болчу, аялы ал өлгөндөн кийин эле кетип калды.

- Эмнеге?

- Билбейм.

- Үч баласы бар эмес беле?

- Балдарын таштап кетиптир.

- Мм, - деп койду.

- Ошондо билгендей кеткен экенбиз, ээ? - деп Замира Жаузелканды карап корккондой болду.

- Силер анын үйүндө белеңер?

- Ооба, конокко чакырган, анан шашылыш телефон менен сүйлөшүп чыгып кеткен, - Жаузелкан болгонун айтып берди. - Эгерде телефондон андай сөз болбогондо, бизди да өлтүрмөктүр?

- Кудай сактаптыр, мен анын кыздарды сатып иштегенин уккамын, - деди Альфия ойлуу.

- Чын элеби?

- Чынын билбейм, бирок ошондой деп уккамын. Бир кыз качып келип, бизге иштеп калды, жардам бердик. Ошондо сага келип калганда, ал коркуп бекинип калган. Жети кызды ишке орноштурам деп ошол алып келген имиш, биерге келгенден кийин башка эле адамдар тосуп, аларды алып кеткен имиш.

- Убал-соопту ойлобой калды го адамдар….

Жаузелкандын көз алдына Динара келди: "Демек аны саткан экен, кайда жүрөт болду экен байкуш, аңгектен качсаң дөңгөккө дегендей азапта калдыбы?" деген ойдо отуруп калды. Алар сүйлөшүп отурганда, баары келип дасторкон четинен орун алышты, тамактын түрлөрү, салаттар менен суусундуктар жайнайт. Керээли кечке дасторкондо Бекматтан кийинки Эшмат, Зульфия деген эжелери менен бабырашып отуруп, кеч кирип кеткенде Жаузелкан кетмек болду эле, алар кетирбей коюшту. Тунук кирип-чыгып ойноп жүрөт?, Замира курбусунун бактысына ичинен ого бетер суктанып жатты, өзү ата-энесине эмне деп бараарын билбей сары санаада. Кечинде Альфия аларды ээрчитип балконго чыкты, креслого отурушканда:

- Жаузелкан, - деди бир нерсе айтчудай.

- Оов.

- Бир нерсе сурасам болобу?

- Эмнеге болбосун, сураңыз.

- Замира, мүмкүн болсо, экөөбүздү жалгыз калтырасыңбы?

- Макул, - Замира ыңгайсыздана туруп, ичкери кирди.

- Жаузелкан, сени ошол жерде жүргөндө картаң күйөөсү бар дешчү эле, ошол чынбы?

- Кимдер? - Жаузелкандын кулагы чуулдай, өңү бозоро суроолуу карап калды. - Кимдер айтып жүрөт антип?

- Уккам, бирок көрбөдүм…

- Аа-а, менин өгөй атамды айтып жүрүшсө керек, - Өзүн зорго кармап жооп кылды.

- Иши кылса ошентчү да, эгер ошондо сиңдим экениңди билсем бирин дагы сүйлөтмөк эмесмин.

- Мен биринчи күйөөгө чыгып, балалуу болгом, эже, - Жаузелкан эптеп калп айтып кутулууга өттү.

- Күйөөң эмне болду эле?

- Ал өлүп калган, киши колдуу болду, кайната-кайненем мени күнөөлөшүп, баламды бербей койду. Анан муну алып, качууга туура келди, ошентип дагы бир балам мени билбей өсүп жатат, аны мен дагы тааныбайм, - Жаузелкан ыйлап жатты. - "Ичиңдеги баланы да төрөп бересиң, балам сен үчүн өлдү" деп кайненем карандай күнөөлөп туруп алды. Анан атам менин ыйлап, боздогонумду көрүп, чыдай албады окшойт, Москвага алып кетти. Аякка баргандан кийин кышында төрөдүм, ал мени карап багып жатты, кийин иним баргандан кийин биякка келип үйлөндү. Тунук мени апа, атамды ата деп калды, анткени жети жыл ошол жакта болдук, кээде барып товар алышып, жыйышып калчу, күйөөсү деп ойлошкондур да?

- Ошондой, элдин оозунда элек жок дешет эмеспи.

- Жуманды биякка алып келиштиби?

- Ооба, алып келгенде аялы жок экен, аны эптеп алып келишсе: "Балаңар мен үчүн өлүптүрбү, мени теңине албай жүргөн, эч качан ыйлабайм дагы" деп ачык эле койгуча отуруп, кетип калыптыр.

- Жаман болуптур.

- Менин сөздөрүмө капа болбо, сиңдим, ар ким ар кандай айта берет.

- Өз атамды көрбөдүм, мен төрөлгөндөн он күндөн кийин эле өлгөн экен, Сейит мага өз атамдан артык болду, апам Жибекке үйлөнүп бир бала бар, ал менин иним, балким өз ата, өз энелер деле мынчалык болбостур, ал киши мен үчүн баарын жасады…

- Кечирип кой, мындан ары сени биз жер каратпайбыз, тартынбай жүр, керегиңди ачык айт, - алар сүйлөшүп отурганда Зульфия келди:

- Ой, силер тим эле укмуштай сырдашып отургансыңар го? - деп Жаузелканга жакын отурду. - Кана эми эмне кылайын деген оюң бар?

- Кайра кетем го?

- Москвагабы?

- Ооба.

- Биерде эле болбойсуңбу, мен сени бир жакшы күйөөгө берейин, өзү врач, аялынын өлгөнүнө үч-төрт жыл болду, үйлөнбөй жүрөт.

- Эже, күйөөнү азырынча ойлоно элекмин.

- Ойлонбой койчу беле, балаң жашында чыгып алсаң, көнүп да калат.

- Кой, эже, эми күйөөгө деле чыкпайм…

- Мейли, капаланба, сен эми ар бирибиздин сыйыбызды көр, шашылбай конок бол, апам карып калгандыкыбы айтор алы жок, сени көрүп капаланды окшойт, токсонго барып калбадыбы…

- Таңгалып жатам, эмнеге ушу убакка чейин бир кабар албадыңыздар?! - Жаузелкан эки эжесин жаштуу көздөрү менен карады.

- Биз анда жаш болчубуз, Максат акем өлгөндө мен жетинчи класста окуучумун, Бекмат бойго жетип калган, Альфия төртүнчү класс эле, анан кайдан билебиз. Бул сурооңо атам менен апам эле жооп бериши керек болчу, - деди Зульфия үшкүрө. - Максат акем быйыл туура элүү алтыга чыкмак экен. Бекмат андан төрт жашка кичүү.

- Баса, сенин таятаңдар дагы бар, алар дагы абдан карышкан, үч баласы жакшы чыкты, биздин айылдан.

- Кайсы айыл?

- Кара-Жыгач айылы.

- Апамдын ата-энеси да…

- Ооба.

- Көрүшүм керек экен.

- Эмнеге болбосун, тагаларың абдан крутой, эки таежең бар, биз тааныйбыз, таенеңди катуу оору деп уктум эле.

- Апамды да жакшы билбейм, атамды болсо сүрөттөн көрүп жүрөм, ушуга чейин Сейит атамдан башка жакын адамым жок эле, анын мага деген камкордугун эмне менен кайтараарымды да билбейм, мен үчүн аялдарын кетирип жибериптир, алары мага жаман айтса эле, аларды жек көрүп калчу тура…

- Капаланба, сиңдим, эми сен биздин бир тууганыбызсың, эң бир кадыр-барктуу да, агабыздан калган белегибизсиң, бирок акеме эмес апаңа окшош экенсиң, Жибек аябай сулуу кыз болчу, менден үч жаш улуу эле.

Көпкө сүйлөшүштү, Замира аларга тоскоолдук кылгысы келбеди окшойт, Жаузелкан экөөнө көрсөткөн бөлмөгө кирип, эбак жатып уктап калган. Жаткандан кийин дагы уйкусу келбей, ойлуу телмирип шыпты, люстраны тиктеп көзү илинбеди: "Биз жети жыл эрди-катындай жашаган менен кээ-кээде ал эркектик кылганы болбосо, бири-бирибизден тартынып жашадык. Эл эмес кожейке деле билген эмес, анткени биз жатып жүргөнүбүздү кимге айтмак элек", - деп ойлонуп батиринин ээсине: "Бул киши атам, биз шаарга бирөөнү издеп келип кете албай жатабыз", - дегенин эстеди. "'Бетке чиркөө беш ооз сөз' дегендей, бул сөздөрдү башкалар айтып жүрбөдү бекен?" деген ой башына келгенде, жүрөгү зырп этип алды. Анан дагы беш-алты жыл алыста болгусу келди. Өзүнөн-өзү качты, анча-мынча сөздү унуткусу келди, Тунукту көргөндөн, эски жарасын козгогондон коркуп, Сейитке берип коюуну чечти.

Эки-үч күн чоң энеси Зияданын жанында болду, кары кишинин кайгысы, кубанычы кошулуп, ооруп калган экен, ал кайра-кайра Жаузелканды сурап, анын колдорун кармап, өпкүлөп жатты.

- Айла-анайын каралдым, аман-эсен экенсиң, ушунусуна шүгүр, кайгы касиреттен улам ачуу жеңип жүрүп издегенге жарабай да калдык. Мен Максатты төрөбөй жүрүп төрөгөмүн, өмүрү кыска экен каралдымдын, карандай ошонун кайгысынан өлдү чоң атаң дагы, - Алсыз сүйлөп жатты.

Жаузелкан унчукпады, ал апасын төрөгөн аялды көргүсү келип турду. "Апамды да жакшы биле албайм, сүрөт менен өзүн көргөндүн айрымасы бар да, балким таенелерим апама окшоштур, аларды көрүп апамды көргөндөй болот элем" деген ойдо.

- Апа, бирдеме ичесизби? - деди ошол убакта Айжан келип, эңкейип кайненесине тигиле.

- Жо-ок, балам, эчтеке деле ичким келбей жатат.

- Ачка болдуңуз го? - Айжан карынын эки жагын кымтылап коюп, Жаузелканга карады. - Жүрү, тамак ичкиле.

- Макул.

Жаузелкан Замираны ээрчите конок үйгө киришти. Ошол күнү аларды Зульфия, анын эртеси Альфия, Эшмат баары бирден коноктошту. Замиранын ичкени ирим болуп, эртеңки күнү кайда бараарын билбей ойлуу. Аны байкаган Жаузелкан ээн боло калганда:

- Сен эмнеге капалуусуң, көп ойлонбочу? - деди.

- Кантип ойлонбойм, дагы сени менен жүрөм, канчага чейин минтет элем, бул күндөрдүн аягы да болот, ата-энеме кантип барам?

- Коркпо, экөөбүз бирге барабыз.

- Сени да урушат да алар?

- Эмнеге?

- Алар түшүнбөйт, андан көрө башка жакка барып, эптеп иштешим керек го, ыя?

- Кайда иштейсиң?

- Идиш жуугуч болом же үй кызматчы болуп кетсемби, антпесем мени үйгө киргизбейт.

- Ушунчалык боору ташпы? - Жаузелкан аны таңдана карады.

- Алар менин "тигиндей иште" иштеп жүргөнүмдү билип калгандан баштап жаман көрүп жатпайбы?

- Аа-а, - деп койду Жаузелкан.

Арадан он беш күндөй өтүп кетти, күндө бири чакырып коноктоп, бир сыйра кийим кийгизип, колуна акча карматып жатышты. "Ошондо ушулар болсо, базарга чыгып Жуманга да кабылмак эмесмин, анда мындай тагдырга туш болбос белем. Ай жараткан, эми мага булардын эмне зарылдыгы бар эле, өзүмдү-өзүм багып калганда? Көз каранды болуп турган кезде булардын биринен дайын болбогонун кара" деп ичинен сыза берди. Бекматтын үйүндө чоң энесинин жанында болчу, Альфия бир келинди ээрчитип келип калды, Жибекке бир аз окшогон менен анчалык эмес эле. Конок келгендей ордунан тура калды Жаузелкан.

- Садага болоюнум десе, - деп эле ал келип, Жаузелканды кучактап, өпкүлөп ыйлап калды. - Ушунча болгуча издеп көрбөдүк, атүгүл эжемдин өлгөнүн укпадык, кийин ал үйгө барып таппай калдык, квартиранттар жашап жатыптыр, - деп Гүлзина бежиреп жатты.

- Ошону айтсаң, же кийинки тийген күйөөсүн билбесек, издеп табуу кыйын экен да, - дешип чай үстүндө кобурашып отурушту.

- Турмушуң барбы?

- Жок, күйөөм өлүп калган.

- Жаман болуптур, бала барбы?

- Эки балам бар.

- Балаңдын бары жакшы экен, эми кол үзбөй катышып жүр, таенең болсо ооруп жатат, атам жакшы эле, алар да Жибек эжемди көп кеп кылышат, мен эң кичүүсү элем да.

- Апамдын бир таежесин чала-була билем, атам дагы айтып жүрчү, ал барбы?

- Сайнагүл таежем бар, бутунан майып болуп, эки жакка чыкпай калган, сени ошол көп айтат, кийин өзү каттай албай калган тура.

Көпкө сүйлөшүштү. Альфия менен Гүлзина мамилелери жакшы курбулардан болчу, көптө кетти, "бир күнү келем" деди кетээринде. Зияда катуу ооруп калды, балдары ооруканага алып бармак болду эле болбой койду.

- Мени карыганда сактап эмне кылат элеңер, балам, жаш өткөндө өмүрдүн кызыгы деле болбой калат экен, карылыктыкы го, оорум деле жок.

- Жарыктык десе, кантип өмүрдүн кызыгы болбой калсын, дагы көп жашап сыйыбызды көрүңүз, сиздин төрүбүздө отурганыңыз өзүнчө эле бакыт эмеспи бизге, - деп күлдү Бекмат.

- Кой, балам, балдарга жүк болгондон башка пайдам деле жок, андан көрө силердин алдыңарда эле кетейин, силердин көз жашыңар, ууч топурагыңар буйрусун, - деп кары болбой койду.

Жаузелкан аерде он күндөй жүрдү, анан Сейиттикине келди. Замира аны менен бирге, акыры ал аргасыз радиоузелге барып, иш издемек болгондо Жаузелкан жолуна тыйын берип жөнөттү. Сейит Жаузелканды өз үйүнө ээрчитип барды.

Залга кирип, килемдин артындагы оюкту ачып, калган алтындарды ага берип, долларды алдына койду, анан Максаттын дептерин берди. Аны окуп, акчаларды көргөн Жаузелкан:

- Булар ушул жакта бекен? - деди.

- Ооба, мен үйдү чыгарганда көрдүм, Жибек деле көрбөптүр, кыскасы ага буйрук эмес экен, эми булардын ээси сенсиң.

- Өзүңүзгө керектүүсүн алыңыз.

- Жо-ок, өлбөгөндөй оокат бар, рублдар алмашпай калды…

- Мунун баарын эмне кылам?

- Керегинче аз-аздан пайдалана бер, үй-жайың турат, Жаку, андан көрө эми эч жакка барбай эле биерде болсоңчу, Тунук дагы өзүңдө болот, - деди жер караган Сейит.

- Ойлонуп көрөйүн.

- Ойлон, балким Дордойдон контейнер алып алаарсың.

- Көрөм, - деди да, Жаузелкан доллардын он миңин Сейитке берди. - Буларды сиз алыңыз, кырк миң доллар жетет мага.

Анан экөө үйдү кулпулап коюп, Нурияга келишти. Ал башым деп жатып алган экен. Жаузелкан алтын шакектин бирин ага берди, чынжырдын эң жакшысын да бергенде ал:

- Тим койсоң боло, булар өзүңө керек болот, - деди.

- Ала бериңиз, апама да буйрубаптыр, сиз экөөбүз тагынып алалы, - деп Жаузелкан болбой койду.

Негедир кийинки күндөрү Нуриянын түшү жаман болуп эле салмактанып жүргөн. Сейитке айтмак болуп барып тим болду. Кетип калайын дейт, Сейиттин өзүнө болгон мамилесин кыйбайт. Бир күнү ал уктап жатса, босогодо ак кийимчен аял кирип келип: "Сен эмнеге биерге жатып алдың, тур өйдө", - деп ачуулуу төшөктү силкип ийгенде, ойгонуп кетсе, чын эле төшөк ары жылып, аяк жакта жатат. Кийинки күнү, анын эртеси дагы ушул түш кирди: "Бул эмнеси, күйөөгө тийип бекер кылган окшойм, мындан кетсем ата-энем эмне дейт? Жаш болсом бир жөн, уят болом го, андан көрө дем салдырып, үйдү тазалатайынчы", - деген ойдо Сейит үйдө жокто молдого дем салдырып келди. Үйдү ысырыктап, жети токоч жасады, куран окуду. Өзү билген ырым-жырымды жасап, анан отуруп калды. Ал өзүнчө коркуп жүргөндө, Сейит да укмуш түш көрдү: "Сейит, мен айтканды неге укпадыңар, алдагы аялды эмнеге алдың, Жаузелканды бир балээден зорго куткардым, силер бирге жашашыңар керек эле, эми болбойт, сен аялсыз жашашың керек, мен бул аялды алып кетем", - деп Нурияны колунан тартканда, ал болбой Сейитке жармашып алып: "Барбайм, эч жакка барбайм", - деп жатканда ойгонуп кетти: "Өх", - деп алды. Нурия бейкапар уйкуда. Көпкө ойгоо жатты: "Ушул жашоону мага ыраа көрбөдүңбү, Жибек, сенден кийин ансыз да адамча жашай албадым, эми көңүл тынып, тынч жашайын дегенде бул эмне кылганың?" деп ойлонуп, таң атырып жиберди. Нурия эртең менен салмактанып ооруп турду. Сейит аны карап:

- Нурия, сен экөөбүз бул жерден кетсек окшойт? - деди эле, ал чоочуй сурады.

- Эмнеге?

- Билбейм, балким бул үйдү сатып байкемдер жакка кетип калсакпы?

- Бир нерсе болдубу?

- Жаман түш көрдүм, тезинен айылга кеңешип келейин.

- Кандай түш?

- Сен укпай эле кой, мен кеңешип, айылдан чоң машина алып келем дагы, үй-мүлктү жүктөп кетели.

- Мен билем, - деди Нурия.

- Эмнени?

- Мени сенин жаныңа жатпа деп, бир аял түшүмө көп жолу кирди.

- Кой, тезирээк кетели, 'ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат' дегендей кеч болуп кала электе орун которуп кетели, - деген Сейит ага карай албай үлдүрөй эшикке чыкты.

- Мейли, аракет кылып көрөлү, балким ажырашып эле алганыбыз туура болоор…

- Жок, ажырашпайбыз, мен байкеме барып келейин. - Сейит жөнөй берди.

Аны артынан карап турган Нурия: "Бул дагы шордуу жан экен, өлгөн аялы буга тынчтык бербесе кантип жашайт, кой, мен да аракет кылайын, жыйнап-таңып даярдап койойун" деген ойдо кызы экөөлөп, үйүн таңууга киришти.

Сейит агасына оюн айтканда, ал инисин ормойо карап:

- Куран окутуп койбойт белең? - деди.

- Окутуп эле жатам.

- Өзүң бил, адегенде биерден сатыла турган үй табыш керек, мейли эми биздин үйгө эле көчүп келе бер, иликтеп көрүп сатып аласың, - деди Мажит анан.

- Андай болсо, орун которгонуңар туура, Нурия байкушту дагы кыйнабай, - деди Алымкан.

Ошол эле күнү жүгүн Мажиттин улуу баласынын КАМАЗы менен барды да, жүктөп кетти, сыртына "үй сатылат" деп жазып койду, коңшусу Токтобекке дайындады. Бир ай дегенде үй сатылды, Чоң-Арыктын чет жагынан бир сатыла турган үйгө барышты эле, акчасы кымбат экен, бирок там абдан жакшы болуп чыкты. Ошондо гана Сейит Жаузелкан берген долларды эстеп, дароо кошту да, үйдү баалашып сатып алды. Нурияга дагы жакты, ата-энесине дагы жакын болгонуна кубанып жатты.

Жаузелкан Тунукту ээрчитип келип, Сейиттерди таппай калды. Коңшулардан үйдү сатып кеткенин угуп, аябай таңгалды: "Эмнеге шашылыш сатып кетти, бир ооз айтканга жарабаган экен. Ага деле кыйын болгондур, беттешкенден мен да кыйналып бүттүм эле, мейли, ушул бойдон жолукпай эле койгонубуз туура чыгаар" деп ойлоп, оор үшкүрө өз үйүнө жөнөдү. Үч-төрт күн өз үйүндө жүрүп калды, күндүзү бир маал чоң энеси Зияданы көрүп келет. Ошол күнү ал сыртта уулунун ойногонун карап турса, өйдөдөн Курман келе жатып, аны көрүп калды. Атайын басып келип:

- Салам, жеңеке, - деди мылжыя.

- Салам, - Жаузелкан ага жактырбагандай жооп берди.

- Качан келдиңиз?

- Көп болду, сенден эки күндөн кийин.

- Байкемди уккандырсыз…

- Жок, ал дагы Америкага барам дегенинен баса бергем, атам чакырып калды…

- Ооба-а, сиз билбейсиз, байкемдин өмүрү кыска экен…

- Эмне? - Жаузелкан чоочугансый карады.

- Жакында кыркын беребиз, киши колдуу болуптур.

- Жаман болгон тура, мен ага ачыгын эле айткам, аялың турса мышык-чычкан ойнобойлу деп. Кимдер өлтүргөнүн билдиңерби анан?

- Россиянын кылмыш издөөсүнө бергенбиз, өзү ошол жакта, көп жылдан бери учетто болчу.

- Көңүл айтам, арты кайрылуу болсун.

- Бул үй сиздикиби?

- Ооба.

- Эч ким кирчү эмес эле.

- Ооба, эми келдик…

- Макул, жеңешка, жакын келип калыпсыз, жолугуп тураарбыз, курбуңуз калдыбы?

- Ал деле келген.

- Аа-а. Менден салам айтыңыз анда.

- Болуптур.

- Жакшы туруңуз, - Курман мылжыйып басып кетти.

- Бечара, - деп койду Жаузелкан анын артынан. - Уялбай тийишкиси бар, - деп үйүн көздөй жөнөдү. - Тунук, жүрү үйгө.

- Апа, ойноп алайын да-а.

- Кеч кирди, эртең ойнойсуң.

- Эрте эле го? - Тунук кыйыктанып туруп алды.

- Эртең ойнойсуң деп жатпаймбы, бол эрте, болбосо эшикте каласың, - деп дарбазадан кирип жашынып калды эле, Тунук жүгүрүп жетип келди.

Экөө үйгө киришти. Тамактанып алып эски телевизорду сайды, ал азыр эстеди, үй ичиндеги буюмдар канчалык кооз болгону менен эски экенин. Телевизор жакшы урунуп, бирок каралбай калганга бир аз жаман көрүнүп туруп алды. Төркү үйүнө кирди, спальныйдын жабуусун ачып, кайра жапты: "Буга менин ата-энем жаткан, менин буга жатканым болбойт" деп детскийге кирди да, уулу экөөнө төшөк салып, жатып калды. Көзү илинип кеткен экен, эшик тыкылдаганынан ойгонуп кетти.

- Ким? - деди ал босогого жетип.

- Мен эле, Жаку, - Замиранын үнүн угуп, ачып жиберди, - Уктап калдың беле?

- Ооба, мынча кеч кайдан?

- Жумуштан, - Замира үйгө кирип келди. - Бараар жер жок, өзүң билесиң, жумуштан кеч чыктым.

- Иши кылса, иштеп калдыңбы?

- Ооба, башка жумуш паспорт менен экен, үй тазалап иштеп жатам, күнүнө эки жүз дейт, кайра радиоузелден издемей.

- Чыгып калганы жакшы болуптур, бирдеме ичесиңби?

- Бар болсо.

- Азыр, газга койойун, - Жаузелкан семиз эттен жасалган тамак ысытып, анын алдына койду. - Тунук кыйратып тамак ичпейт, жалгыз өзүм да зеригип кеттим.

- Өзүңчө жашайын дедиңби?

- Ооба, атамдар көчүп кетишиптир.

- Кайда?

- Билбейм, балким төркүнүн деги тапты дегендир, айтпай кетип калышыптыр.

- Балким, башка нерсе болгондур?

- Ким билсин, барып таппай калдык, көнүп калыптырмын, аябай жаман болдум.

- Капалана бербе, курбум, эми өзүңдү-өзүң бага турган куракка келбедиңби, жакшы адам экен дагы, мындай адам чанда жаралса керек?

- Ошондо-ой, курбум, абдан жакшы адам дечи, ачык эле айтып койсо, мен эмне демек элем? - деди Жаузелкан ызалуу, көзүнө жаш кылгыра үнү каргылданып кетти.

- Жаш балача ыйлабачы эми, жумуштан чыгып эле, сени үйүндө болбосо, кайда барам деп сарсанаа болуп, анан барып көрөйүн деп келбедимби?

- Мындан ары үйдө эле болом.

- Жакшы болду, бир аз акча жыйгыча сени менен тура берейин, кийин батирге чыгып алам.

- Тура бер, эртең колуң бошосо, эртерээк келсең, мен үйдү жаңылайын дедим эле, эски килемдерди бүт жерге төшөйүн да, баарын жаңы алам.

- Ма-акул, - деп Замира аны ойлуу карады. - Каткан акчаң бар беле?

- Атам катып кеткен акча бар экен, бүгүн кассага салып келдим, азыраак акчага үйдүн ичин жаңыртпасам, диван, кресло алыш керек…

- Эгер эртең барба десең, барбай эле койом.

- Анда болду, курбум, үй жыйнашып кой, экөөлөп үйдү жасайлы.

- Болду анда, эми эс алалы, - деп ордунан турду Замира.

Анын ичи ирип жатты: "Мен минтип эки жүз сомго ар кимдин ишин жасап жүрөм, а мында баары бар, төркүндөрү деле аябай берди, үстүндө үйү турат, бала десе баласы бар, менин мындан эмнем кем? Жадагалса ата-энеме баралбай жүрөм" деп ойлонуп, кокус оңой жерде болсо, алып кетүүгө даяр турду. Бирок Жаузелкан кассага да салган эмес, оюктагы ордуна коюп, кулпулап койгон. Жаузелкан катуу уктап кеткен экен, кылдыраган дабыштан ойгонуп кетти. Замира акырын туруп алып, анын сумкасын, кийимдерин, шифонерлердин ичин тинтип жаткан эле.

- Ким эй! - деп чоочуй башын көтөрө калды.

- Мен эле, эшикке чыгып келе жатам, - деп Замира үн салганда, эс ала түштү.

- Чоочуп кеткенимчи.

- Коркпой эле кой, менин бутум бирдемеге тийип кетпедиби?

- Катуу уктап кетиптирмин.

- Ийи, - деди да, жатып калды.

Ичинен кыжаалат болуп: "Бул бекем катып койгон экен, уят болбой уктайын, эгер колума тийсе, алып, дайынсыз кетет элем" деп Замира өкүнүп жатты. Ал азыр талаада калаар кезде, кыштын күнү калкалаганын эстегиси да келбеди, ал анын бактысын тартып алгандай эле жүрөгүндө жамандык уялап туруп алды.

Ошо түндөн кийин Жаузелкандын башына бир ой келди: "Кызык, бул эмнени кылдыратып жатты, акча издеп жүрбөсүн? Канчалык жакшылык кылсам деле буга арзыбаса керек" деп ойлоп, бир нерсени сезгендей өзү капчыгы койгон жерди ойлоду, ал залдагы спальныйдын башында болчу. Зал кулпулануу. Эртең менен кеч туруп, тамактанып алып, базарга жөнөдү. Экөө бирге жүрүп, Мадонна килемден үчтү, түрк килеминен үчтү, эки диван-кресло, бир үйдүн эмерегин алып, машинага жүктөп, жүк ташыган эки жигитти кошо ала келди. Аларды көргөн сайын Замира ичинен жини келип: "Мынча акча Жумандан калса керек, болбосо атасынан калган немени Сейит сактап бере коймок беле" деп ойлоп, ага жардамдашып жатып:

- Жаку, акчаң бар болсо, базарга чыкканга берип турбайсыңбы? - деди.

- Ансыз дагы карызсың, курбум, - Жаузелкан күлө карады. - Сегиз миң сом, башканы эсептебейин, поезддикин…

- Аны билем, өзүң көргөндөй кыйналып жатам го?

- Базарга чыгыш үчүн көп акча керек, а менде тамак-ашка эле калды да, алтындарымды сатсам жашап тураармын, - деп Жаузелкан ага сыр алдырбай: "Бул менде акча болсо, өлтүрүп качкандан кайра тартпайт го?" деп ойлонуп, майда-барат акчасын көрсөттү. Замиранын чындап эле жини келип жатты: "Бар болгонун көрсөм, акчаң эмес өзүң кошо жоголосуң" деп ичинен кекенип алды. Экөө көпкө чейин үйдү салыштырды, төрдөгү килемди алганда, дубалдын ичиндеги кулпуланчу темирди көргөндө:

- Жаку, бул эмне? - деди таң калганын жашыра албай. - Бул үй менен бирге коюлган сейф го, ээ?

- Ошондой окшойт, мен дагы азыр көрүп жатам.

- Ачып көрбөйсүңбү?

- Ачылбаса керек, ачкычы кимде, билбейм.

- Бузуп көр да?

- Бүтүлүү буюмду бузганда эмне, муну атам сатып алыптыр, мурунку саткан адам бирдеме койду дейсиңби?

- Балким бирдеме бардыр, мындай жердеги жашыруун сейфте баары болушу мүмкүн.

- Үй бузулат да.

- Койсоңчу, - деп Замира шыкаалап, ачкыч кирчү жерин карады. - Бул оңой эле ачылат го? - деди Жаузелканга.

Ал унчуккан жок, жаңы килемди тартып, үстүнө ата-энесинин сүрөтүн илип коюп, көпкө карады. Эмеле түшкөндөй бактылуу жылмайып түшкөн сүрөттөгү эки адамдын эбак бул дүйнөдө жок экенине эч ким ишенмек эмес эле: "Болгону бир сүрөткө түшкөнгө үлгүрүшкөн экен" деп ойлонуп алды. Түш болгондо, түштөнүүгө отурушту.

- Эми муздаткычты жаңылаш керек, бир аз иштеш керек ал үчүн, эскиргенге анча болбой калыптыр.

- Алгың келсе, баарын эле аласың да…

- Кайдан, жууркан-төшөктөр эскирди, элестет отуз үч жыл илгеркилер, дагы урунулбаганга турат да.

- Өзүң иштейин дейсиңби?

- Тунукту караганга бирөө болсо иштемекмин, быйыл окушу керек, метиркесине сүйлөшүп койдум.

- Мен паспортко даярдайын дедим эле, бир аз акча болсо.. . Документиң жогу жаман экен, - деп Замира ага карады. - Сенин таанышың барбы?

- Бар, айыл өкмөттөн эптеп метирке алам балама.

- Паспорт столдочу?

- Бир тааныш бар, бирок ишим түшүп көрө элек.

- Мен акча табайын, сүйлөшүп бер, ээ?

- Макул.

Алар ошентип отурганда дарбаза так-так этип калды, Жаузелкан босогого чыга калса, дарбазанын жанында Курман туруптур.

- Кандай, жеңеша?

- Жакшы.

- Эмне жактырбайсыз, үйгө кир дебейсизби?

- Үйдө конокторум бар эле…

- Эч нерсе болбойт, - Мылжыя күлүп, бери басты.

- Сен, Курман, мени менен теңтуш болгуң барбы? - Жаузелкан жини келе эшигин жапмак болду. - Мен сени үйүмө киргизе албайм!

- Ким ал? - деп Замира чыга калды, Курман каалгага келип калган. - Ким дейм?

- Кимди эмне кыласың? - Ачуусу келе эшикти илгенде, Курман болбой эле такылдатып кирди.

- Бир эле ооз сөз, ачып коюңуз эми.

- Ачпайм, эри жок аялдын үйүнө эркек киргени болбойт, бар жолуңа түш!

- Эмне болуп жатасың, ачып койо бер, эмне кылмак эле? - Замира ага болбой, эшикти ачтырмак болду.

- Сен сүйлөш анда, аны мен үйгө киргизбейм. Эгер минте берсе, участковыйга арыз жазам! - деп Жаузелкан каалганын илгичин ачканда, Замира чыга калды.

- Кандайсың?

- Жакшы, эмне басмачылык кылып жүрөсүң, уят эмеспи?

- Келсе болбойбу?

- Ал сенин агаң менен жүрчү, уялсаң боло?

- Жөн эле сүйлөшсө болбойбу?

- Эмнени сүйлөшөт элең?

- Мындай эле.

- Андан башка менен сүйлөшкүң келбейби?

- Болот, бирок зарыл сөз болчу.

- Мага айта бер, мен айтып койом.

- Чынында экөөңөргө тең тиешелүү.

- Кандай? - Замира таңгала карады.

- Мен силерден подазревать этип жүрөм, Жуман байкемдин өлүмүнө тиешеңер болуп жүрбөсүн, мен кеткенде, силер бар элеңер, анда толгон акча бар болчу…

- Эмне-е?!

- Ошондой, мен силерден шекшип калгам, дароо эле биякка баса берипсиңер…

- Андай болсо, милицияга бербейсиңби, жалган жалааң үчүн өзүң да жооп берип калышың мүмкүн, - деп Замира жини келе урушуп кирди. - Жүрү азыр, андай эле шекшип жүргөн болсоң, бара койолу!

- Менин силерге айтпай изилдейин деген оюм бар болчу, бирок чыдабай кеттим, - деп Курман калп айтып жатты.

Жуманды өлтүргөндөр ким экенин, алардын экөө кармалып, бири качып жүргөнүн жакшы билчү, өлүм Россиянын Москва шаарында болгондуктан, иши ошол жакта болчу. Жаузелкан жлгыз жашаганын байкап калып, калп эле байкесин шылтоолоп, атайын эле тийишкени келген. Замира ага өктөм сүйлөгөндө тайсалдай түштү.

- Чындап эле милицияга бер, азыр Жаузелкан экөөбүз сени менен барабыз, док кылчу кишини тапкан экенсиң, - деп булкуна өйдө болду. - Жаку, чык бери, ушундан келгенди көрөлү! - деди эле Курман аны колунан тартып отургузду.

- Ар кандай ойго келет экенсиң да, ошентип да ойлоп кеттим, сурап эле көрөйүн дегемин, чуу кылбай отурчу, - деп тепкичке отуруп калды.

- Бул бойдон калтырганда болбойт, сенин арам оюңда бизди атайылап басынтып алгың келген экен.

- Жок, эми кудай урбадыбы, анчалык деле эмес, сурайын дегемин.

- Сураганда, ал бизге кылган ишин айтып коюптурбу? Жаку деле түшүнбөй калды, телефондон бирөө менен сүйлөштү да, шашып чыгып кеткен. Ал кеткенден кийин кайра чырылдаганда Жаузелкан алды да көпкө тыңшады, эмне дегенин билбейм, коркуп эле койо койду да, кеттик деди, болгону ошол, мага эчтеке айткан жок…

- Демек, билет экен да, эмне сөз болгонун.

- Аны билбейм, Жуман экен деп эле алды го, батирге келип, аны күтсөк келбеди, анан ошол бойдон биз биякка баса бергенбиз, эмне болгонун билбейбиз.

- Кой анда, мен кеттим, сен биерде болуп жатасыңбы?

- Ооба.

- Кечинде жолукпайлыбы?

- Кайдан?

- Ушул жерден.

- Болбойт, Жакунун мүнөзү оор, андайды жаман көрөт, анын үстүнө бирөөнүн үйүндө өзүм зорго жүрөм, - Экөө туруп, короонун сыртына чыгышты. - Аялың кечинде кетсең унчукпайбы?

- Жумушум бар деп койом да?

- Ата-энең менен турасыңбы?

- Ооба.

- Ошону үчүн тартынат го?

- Тили мына мындай, - деп Курман колун карыштап койду. - Жолугушуп туралыбы?

- Өзүң эптей алсаң.

- Анда өзүм келем, саат тогуз жарымда сыртта бол.

- Макул, мырзалар сыйлайм десе атказ жок, - деп Замира күлүп коюп, кирип кетти.

- Эмне дейт? - Замира кирээри менен Жаузелкан андан сурады. - Тапкан экен тамаша кылчу адамды.

- Ой Жумандын өлгөнүнө катышыңар бар болуп жүрбөсүн дейт, акесин тааныттым, эч күнөөбүз жок эле анын сөзүнөн коркуп эмне, - деп Замира сүйлөшкөндөрүн айтып берди.

- Калп, ал жөн эле шылтоо менен келген, бая күнү сыртта турсам, өтүп баратып көрүп калган, менин жалгыздыгыман пайдалангысы келсе керек, - деп кенеген да жок.

Үй ичинин жаңырып калганына өзүнчө кубанып, Замираны камокко жөнөттү. Ал дүкөнгө кеткенде сейфти ачып долларын, алтындарын алды да, кайра жаап, кулпулап койду. Аларды спальныйдын алдын ачып бычак менен тилди да, мочалканын алдына сойлотуп, үстүн жаап койду. "Баары бир издеши мүмкүн, ачса ачып, бузса бузсун эртең байкап көрөйүн", - деп ойлоп, кайра ашканага келип отуруп калды. Замира эт-аш алып кирди, анан экөөлөп тамак жасашты. Кечки тамакты жай отуруп ичип бүткөндөн кийин телевизор карап калышты.

- Мен азыр келем, Жаку, - деди Замира сыртка чыгып баратып.

- Кайда жөнөдүң?

- Бат эле келем.

- Жигит колун кармагансың го?

- Ошондой десе да болот. - Күлүп коюп, ылдам басып чыгып кетти.

- Жакшылап көңүл ачып кел, зериктиң окшойт, - деп Жаузелкан артынан кыйкырып, күлүп калды.

Терезеден караса, Замира дарбазанын жанында эки жакты карап туруптур. Жаузелкан аны кимди күтүп жатканын көргүсү келип, аңдып тура берди. Бир кезде Курман келип, экөө ээрчишип жөнөгөнүн көрүп: "Уяты жок неме тура, аялы, балдары туруп кылганын кара. Замирага эмне, баары бир эмеспи" деп ойлой креслого отуруп, кинону карап калды. Тунук эбак эле уктап калган.

Түн бир оокумда дарбаза тарсылдады. Жаузелкан чыкпай койду, тургусу келген жок. Замира таң агаргыча улам тарсылдатып тура берди. Жаузелкан жадаганда жерге жарык кирип калганда гана чыгып ачты да:

- Ой, эми келдиңби? - деди.

- Эмне, уккан жоксуңбу, дарбазаңды такылдата берип тажадым, - деди Замира, ал кызуу болчу, таарынгандай түрү бар. - Тура берип бутум ооруду, - деп теңселе ичкери кирди.

- Күтүп жатып аябай кеч уктагам, эчтеке билбей калыптырмын, эртерээк келбейт белең?

- Саат экилерде келгем, ошондон бери чыгара албадым сени, - деп Замира кирди да, дароо эле сулап жатып калды.

Жаузелкан аны карап туруп, бир кездеги өзүн эстеп: "Кудай сакта, токтотуп койгонум жакшы болгон экен" деп үстүнө төшөк жапты да, өзү ордуна жатып алды. Замираны сынагысы келди, таңкы уйкунун шириндиги ай, ойлонуп жатып уктап кетиптир, саат ондон өткөн экен, ордунан туруп, Тунукту таппай калды, ал кээде эрте туруп, ойноп жүрө берчү. Замира дагы жок, аларды карамак болуп босогого келип:

- Туну-ук, кайда жүрөсүң? - деп кыйкырганда, Замира акырын залдан чыгып, ашканага кирип кетти.

Ал эрте ойгонуп алып, атайын сейфтин кулпусун чукулап, ача албай жаткан эле: "Буга сөзсүз лом, темир керек экен", - деп ойлоп алып, канткенде акча табаарын билбей башы ооруп, суу ичип алып:

- Жаку, Тунук эмеле чыккан! - деди.

- Ойноп кетсе керек, эчтеке ичпей жүрө берет, - деп Жаузелкан кайра кирди. - Башың ооруп жатабы?

- Айтпа, көбүрөөк ичип коюптурмун.

- Азыраак ичиш керек болчу, - деп күлдү да, сыртка чыкты. Анан өзү барып, дүкөндөн пиво алып келди. - Баш жазган менен көр казган сооп дечү эле?

- Ошону ырас кылбадыңбы, өлөйүн деп калыпмын.

- Замира, - деди анан Жаузелкан.

- Ийи, - Пиводон куюп жутуп аны карады.

- Мен бир-эки күн үйдө болбойм го, чоң энемди көрүп, анан туруп келейинчи, сага беш жүз сом берейин, жардамдашканыңа.

- Көп го?

- Эми сен курбум эмессиңби?

- Демек мени келбесин дегениңби? - Замира туйтуңдай сурады. - Балким тажагандырсың?

- Жо-ок, Замира, үч күндөн бери барбай калдым, кары немени барып, сурап турбасам, болбойт экен.

- Туура, анда мен эмне кылам?

- Билбейм.

- Келип жатып турсам болбойбу?

- Ачкыч бирөө эле, биз сени таппай калабыз.

- Мейли, эптеп бир жашоо өтөөр, ата-энең турат дебейсиңби. Ооба-а, сени тажатып жибердим… - Замира масы тарай элек эле, кайра кызый баштады. - Бүгүн өлтүрсө да барам үйгө, - деди да отургучка отуруп, - мен барсам эле: 'сендей кыздар эрге тийип, балалуу болуп калды, сен минтип жүрөсүң, антип жүрөсүң' деп башты оорутушат. Ала турган күйөө чыкпаса, эмне кылам, ыя? - деп Жаузелканды карады. - Ойноп-күлгөнгө керекмин, аял кылып алайын деген би-ир эркек жок ай!

- Замира, кел тамак ичели, - деди Жаузелкан идишти алдына жылдырып.

- Мына сени алалы, күйөө деген четинен чыгат, баарын алдыңа чачып ташташат, мен деле сендей эле сулуумун го?!

- Ой, досум, сен менден да өткөн сулуусуң, өзүң эч кимди карабай же жактырбай жүрөсүң да? - деп күлгөн болду Жаузелкан.

Ичиненен нааразы боло: "Демек көрө албайт экен, муну алыс кармайын, үйгө келтирбешим керек экен" деген ойдо болду. Замира болсо, сүйлөй берди:

- Жо-ок ай, чын ниети менен алам десе өлөйүн ай, бир түнөгөндөн кийин эле жок болушат, же жолукканга чакырышат, кыскасы көңүл ачканга гана керекмин!

- Кел, Замира, тамагыңды ич, түш оой электе биз баралы, сен дагы жумушуңа бар, - деп Жаузелкан чындап эле тигини кетиргенче шашты.

- Эй, сен үйлүү болуп калдыңбы, ыя, кубалайсыңбы мени?

- Замира, эсиң менен болчу, сени менен уруша турган алым жок, мындан башка жумушум жокпу, жумушум көп, бүтүрүшүм керек! - деди Жаузелкан жини келе. - Кубалабайм, жумушуңа бар деп жатам, кандай түшүнсөң ошондой түшүн!

- Жумандын долларын жалгыз алып алып жашап жатасың, а мен сени билбеймби?

- Ал сага берди беле?

- Жо-ок, сага берген, бирок бөлүшсөң өлөт белең?

- Жакшылыкты билбеген акмак экенсиң, көчөгө таштап койсом болмок экен, бол кетебиз биз, иштеген акыңды бердим, - деп Жаузелкан Замираны колтуктан алып, сыртка жетеледи.

- Түртпө, мен сен келгиче уктап, эс алып алайын, - деп Замира болбой ички үйгө тартынганда, Жаузелкан аны ачуусу менен сүйрөп, эшиктин алдына чыгарды да, дарбазаны түртүп бекитип алды. Ачуусу келгенине жинденип:

- Акмак десе, жакшылык кылганды билбеген, карыш турган ата-энесине батпайт, анан өз ашымды ичип өзүмө кыйкырат, ичи арам десе, - деп өзүнчө сүйлөнүп жатып, зорго эс алды.

Анан Тунукту кийиндирип, өзү кийимин алмаштырып, чачтарын жасап, короого чыкты. Замира дале дарбазанын түбүндө отуруп алып, сүйлөнүп жатыптыр. Эшигин бекитип туруп, баласын жетелей басып кетти.

- Ийи, үйү бар болуп калганын, шашпа мен дагы сенден өтүп кетем, сен каласың биякта эле! - деп Замира анын артынан бакырып жатты.

Жаузелкан ага унчукпады, кебин укпагандай жолуна түшүп, аялдамага барып, унаа күтүп Бекматтын үйүнө жөнөдү. Ал келсе энесинин абалы оорлошуп, туугандарынын баары чогулуп жатыптыр. Жаузелкан келгенде аны көрүп тааныгандары-тааныбагандары да учурашып, өөп калды.

- Ырас келбедиңби, айланайын, чоң энеңдин жанында сен болбосоң болбойт, эң улуу небересисиң, - деди Зияданын абысыны ага.

- Апам ушу небересин көрөм деп аябай кыйналды, Жаузелкан келип, көргөндөн кийин эле болбой калды, - деди Зульфия.

- Байкуш десең, анан эмне кылсын, баласынан калган туяк да, кыз да болсо.

- Ошону айтсаңыз, ушу кызды көрсөм болот эле дей берип аябай кыйналды, бизди да кыйнады, эми эс алып калбадыбы.

- Эми дагы жашай түшсө болот эле, доктурга көрсөтөлү дегенге көнбөдү, - деп Альфия көз жашын аарчый, эч нерсе сезбей жаткан апасын карады.

- Кудайдын сүйгөн пендеси экен, жакшы жашады, балдары зыңкыйып минтип турат, силер бир жагынан бала-чакаңар менен ыйлап турсаңар, ырыстуу кемпир экен, - дешип келгендер кобурашып жатышты.

Жаузелкан кечке болуп, кетем деп айталбай калды. Үч күндөн кийин, Зияда бир аз жакшы болуп калганда, Жаузелкан үйүнө барды. Түн бир оокумда, терезе кылдырт эткенинен караса, сыртта караан жүрүптүр, көрсө Замира лом көтөрүп алып, анын үйүнө ууруга кирмек болуптур. Жаузелкан жарыкты жандырды да:

- Ким бул? - деди коркконунан калтырай, анан телефону эсине келип, участковыйга чалды.

- Жаку ачсаң, мен элемин, - деди Замира босогого келип.

- Караңгыда эмне кылып жүрөсүң, ачпайм, бар үйүңө!

- Ачсаң эми, мен сенден кечирим сурайын дегем, - деди ал.

Колунда лом бар, өзү бир топ кызуу, ары жакта Курман жашынып турган. Ага күндүзү жолугуп алып: "Жаузелканга Жуман көп доллар берген, ал аны өзү алып пайдаланып жүрөт, мен эшигине кирем, сен жүзүңдү көрсөтпөй коркутасың, акчаны таап берет", - деп көндүргөн. Экөө ичип алып, анан келген эле.

- Замира, сыйың менен кетип калчы, баары бир ачпайм, милиция чакыра электе кетип кал!

- Кетпейм, сен эшикти ачсаң, бир ооз эле кебим бар.

- Кетпесең тура бер, ачпайм эшикти, - деп Жаузелкан ичкери кирип баратканда, Замира колундагы лом менен эшикти ачмак болуп, кычыгына салып омурмак болгондо, милициянын машинасы келип токтоп калды. Селдейе карап туруп, колундагы ломду ары ыргытканын жарыктан көрүп калышып, Замираны кармап калышты. Курман көмүскөдөн ары көздөй качып жоголду. Ломду алып, машинага салышты. Жаузелкан чыгып, арызын жазып берди, болгонун болгондой, Россияда жолдо калганын, өз акчасын төлөп алып келгенин, ошондон берки ар бир мүнөт-саатынан өйдө жазып берди.

- Жаш баламды ушул саткан, - деп бет тырмачылык да кылды Замира.

- Мен сени менен соолукканда барып сүйлөшөм, кичинекей балам менен жалгыз жашайм, коркуп үйгө түнөй албай калдым.

- Коркпоңуз, эртең менен тогузга барып калыңыз, - деди да, участковыйлар Замираны алып кетишти.

Замира аерге баргандан кийин мастыгы менен Курманды кошо жазып, "мени ошол тукурган" деп ишти татаалдаштырып жиберди. Бул ишти угуп Бекмат Жаузелкандын үйүнө атайын квартирант кылып эрди-катын алып келип берди. Алар короонун ичиндеги эки бөлмө үйгө тазалап кирип алып, оңуп эле калды. Замиранын айтканын Курман танып кетти: "Мен муну мурда таанычумун, качантан бери көргөнүм ушул", - деп койду. Жаузелкандан сурашканда:

- Агасы менен жашап жүргөндө барган, бирок мага кандай өчү же кастыгы бар билбейм, мага эч нерсе деген эмес, - деди.

- Эй, Жаку, мен сага айтпадым беле, баягыда айткан, эмнеге аны коргоп жатасың? - деп Замира ары жактан кыйкырды.

- Жа-ап кал оозуңду! - деди ага милиционер.

- Мен коргогон жокмун, укканымды айттым, агасы мага акча бергени чындык, мен анын аялы катары жашагам, кийим-кече алып ал деп берген, эмнеге мен башка бирөө менен бөлүшүшүм керек?

- Туура, - деди милиционер. - А сен бирөөнүн үйүнө барып, лом менен өлтүрмөк болгонуң үчүн жооп бересиң, сага эмне, үйүн да бөлүшүш керекпи? - деп Жаузелканды карады. - Сиз бара бериңиз, керек болгондо өзүбүз чакырабыз.

- Рахмат, - деп коюп Жаузелкан Замиранын кашына барды. - Кыштын күнү жаш балаң менен барганда бир айлык акысын төлөп батирге жашаттым, баламды эптеп балдар үйүнө тапшыр бага албайм дедиң, аны тапшырып келдик, сага деле Жуман беш миң рубль бербеди беле? Кетпесем болбойт, эптеп алып кет дедиң, алып келдим, ата-энеме бара албайм деп бир айдан бери тузумду таттың, кылган жакшылыгыма жообуң ушул болдубу?! өз айыбыңды тарта бер! - деди да, чыгып кетти.

Замира унчуга албай ыйлаган бойдон кала берди. Ошондо да жүрөгү сызыла ооруп: "Ар ким кылса өзүнө. Ата-энеси келсе бошотуп койойун, арызымды алам" деп ойлонуп, үйүнө кантип жеткенин да билбей калды.

Жакып менен Айдай бир топ жашка чыгып калышкан, бирок үй-жайы жок, Жакып бала-чакасынан ажырап, ичип кетип, Айдай экөө жолугуп калып, баш кошуп алышкан. Бекмат аларды өзү жумшап жүрчү, Жаузелканга алып келип берди эле, ал оңуп калды. Айдайга баласын да каратып койот. Зияда жакшы боло баштады, аны кээ бирөөлөр башкача жооруп жатышты.

- Карыган кишинин өлөт-өлөттөн кайра келгени болбойт, бала-чакасына залакасы тийбесе болду, - деди бир тууган абысыны. - Ботом, баягы күнү кетип эле калган да?

- Ошону айтсаң, болбой калды го деп ойлодум эле.

- Өлүп эле тирилди, ичээр суусу түгөнбөсө керек байкуштун.

- Байкуш болбой курусун, жашаарын жашады, ичээрин ичти, балдары жакшы чыгып сыйлап турат, токсон жашка чыгабызбы, чыкпайбызбы кудай билет ай, - дешип абысындары менен келин-кесектери бири-бирин түртүп тарашты.

Балдары болсо, абдан кубанып, тегеректеп алып ич, же дешип жанында. Жаузелкан да алар менен чогуу.

- Кагылайын - деп койот аны эркелете караган Зияда. - Сени көргөнүмө арманым жок, билчү дүнүйө болуп Максатыма жолугуп калсам, ал менден сураса эмне дейм деп жүрбөдүмбү?

- Коюңузчу?

- Койбой эле, илгерки өз күнөөмдү кеч сезип, өзүмдү-өзүм кечире албай калгам.

- Эми Максат акеме жолуксаңыз, эмне деп жооп бересиз? - деди тамашалап Зульфия.

- Кызыңды туугандарына, төркүнүнө коштум дейм да.

- Чын эле ошенте турган болсо, өлүмдөн эч ким коркпойт эле го? - деп күлүп калышты.

Күнү кечке чоң энесинин жанында, кечинде үйүнө кетет. Бир күнү Жаузелкан Бекматка кеңеш кылды.

- Мен айдоочулукка окуюн дедим эле.

- Болот, эмнеге болбойт экен, бир айда үйрөнөсүң, анан сага жол эрежесин үйрөтөт, праваны сатып аласың.

- Анда сүйлөшүп бериңиз, ээ?

- Макул, үйрөткөндү өзүм деле үйрөтүп койом, - деди Бекмат күлө.

- Бир ай окуп эле алганым жакшы го?

- Эртең дайындап койом.

- Анда эртең эрте келейин, - деди да Жаузелкан үйүнө жөнөдү.

Ал келсе Сейит келип, Тунукту ойнотуп, күтүп жатыптыр.

- Келиңиз, - деди Жаузелкан жылмая.

- Келдим, келсем эле жоксуңар.

- Үйдө көп болбой жатабыз, - Жаузелкан Айдайды карады. - Даяр бирдемеңиз барбы?

- Бар-бар, кызым, - Шыпылдаган Айдай бат эле чай даярдап, анын артынан тамагын алып келди.

Жаузелкан унчукпай бир аз отуруп:

- Нурия жеңем жакшы жүрөбү? - деди.

- Жакшы, айтпай көчүп кеткенибизге капа болгондурсуң. Андан кийин эки-үч жолу келип, таппай кеттим.

- Шартыңызга карайсыз да, жакшы жатсаңыздар болду, жалгыз бала менен коркуп, бир үйбүлөнү Бекмат байкем алып келип берди.

Экөө сүйлөшүп отурганда, кобурашкан үндөр угулуп, үч аял менен бир чал, дагы бир эркек кирип келди.

- Жаузелкан деген сенсиңби, айланайын? - деди кемпир.

- Ооба, келиңиздер!

- Келдик айланайын, бизди тааныбайсың, - деп төргө отура кетти. - Жай отуруп сүйлөшөлүк эми.

- Ооба, биз Замиранын ата-эне, ага-жеңеси, эжесибиз, эми түшүнүктүүдүр? - деди агасымын дегени.

- Түшүндүм.

- Түшүнсөң ошол, жазган арызыңды окудук, эми бизди ук, балам, - деди атасы. - "Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч" деген улук сөз бар, улуу башыбызды кичик кылып, алдыңа келдик, кечирип кой, айланайын, ошону соттотуп ийгенден…

- Мен коюнума катып, өзүм ичкенден берип, жолуна төлөп, ошондон ушуга алып келдим. Келгенибизге бир ай болду, мени менен жүрөт, ушундай кылат деп ойлогон эмесмин, колуна лом алып, мен эшикти ачсам жыга чапмак болгонуна ызаландым, эгер үйүмдө телефон болбосо, түнү менен эмне кылат эле, балам экөөбүздү өлтүрүп койсо, мындан жаман болмок, - деп Жаузелкан аларга баарын айтып берди.

- Иттик кылыптыр, аны бирөө тукурган го?

- Ким тукурат, сиздерге барбайм деп да жүрүп алды.

- Акылы жок кыздын бир күнөөсүн кеч, кызым, - деди апасы жер карай. - Мына бул акчаны алып кой!

- Жок-жок, кереги жок, мен андайы жок эле арызды алам, бирок Россиядан төлөп, алып келген карызын гана аламын, ал менин соода жасаган орунумдун акчасы эле, мындай болоорун билгенде, алып келмек турсун, үйүмө калкаламак эмесмин.

- Карызы канча эле? - Агасы сурады.

- Москвадан Бишкекке келгендеги поездге төлөгөнүм сегиз жарым миң.

- Макул.

- Сиздер мага карызын гана бердик деп жазып бериңиздер, мен дагы ошентейин, болбосо эми мен Замирадан акча сурамак тургай жүзүн карабайм, - деди да карызына санап берген акчаны алып, бири-бирине тактама жазып берди. Алар он беш миң сом алып келген экен.

- Рахмат айланайын, эми эртең барып, арызыңды ала гой, садага, ал ээнбашты өз колубузга тапшыр, - деди атасы.

- Замира жакшы болсо, ушул акчаны деле балким кечип иймекмин, өзүнө-өзү кылды, мен дагы өзүмдү коргодум, - деп узатып чыкты.

- Ыраазыбыз, айланайын, жамандык көрбө, бизди сыйласаң сени кудай сыйласын, - деп келген жолдоруна түшүштү.

Эч нерсеге түшүнбөгөн Сейит Жаузелканга карай сурады:

- Эмне болду эле?

- Сиздердин үйгө бир кыз мени менен келбеди беле?

- Ийи.

- Ошол, - Жаузелкан болгонун айтып берди.

- Уяты жок да, - деп койду кыска гана. - Этиет болгула, жалгыз жарым калгандан коркпой анан.

- Эми коркунуч жок.

- Мен Тунукту алып кетсемби дедим эле…

- Мейли.

- Окуганда ошол жакка окута берсем кантет?

- Жок, дагы көрөбүз го, мен кетсем анда, ошол жакка окутасыз, күбөлүгү даяр болуп калды, - деп Жаузелкан айтканда, Сейит андан кимге жаздырдың деп сурай албады.

Тунукту кийиндирип, анан кошуп берди. Аларды узатып коюп, анан өзү концертке баргысы келди, күзгүгө көрүнүп, чачын жасап алып, үйдөн чыкты. Ошол күнү негедир ал зериккенин билди, курбу-курдаштары да жок, саатын караса, төрттөн зорго өтүптүр. Анан атайын кайненесинин үйүнө бармак болду: "Бир жолу сыртынан көрүп келейин, жаман көрүп, киргизбесе дагы жолдон көрүп алайын" деп ойлоду. Унаа менен келип, түшүп калды да, тааныш үйдү көрүп, жүрөгү лакылдай ыйлагысы келди. "Садагам, жадагалса, ууз сүтүмдү эмизбей алып калды эле, кандай болуп калды экен?" деп кадамын ылдамдата кетип баратып, короонун тушуна келгенде, сумкасын ийининен алып колуна кармап дүкөнгө кайрылды да конфет, печенье алып, анан короого баш бакты. Короодо эч ким жок, ээн экен, жүрөгү дүкүлдөй эшикке бет алды. Жете бергенде, бою узун, кадимки Кутманга окшогон улан чыкты. Он үч, он төрттөрдөгү баланы көрүп, оозун ача көзүн албай карап калды.

- Сизге ким керек? - деди улан ага таңгала.

- Үйдө эч ким жокпу? - Оозуна ушул келди.

- Апам бар.

- Чакырып койосуңбу?

- Кире бериңиз, апам төшөктө.

- Аа-а, - деп анан үйгө кирип баратып: "Эмнеге келдиң деп урушса дагы баламды көрдүм, бир кирип чыгайын" деген ойдо, өзүн карап турган уландан, - Атың ким? - деп сурады.

- Белек.

- Жакшы, - деп коюп, кайната-кайненесинин бөлмөсүнө кирди, босогону аттаганда бир заарканып алды да, - Жакшысызбы? - деди сыңар тизелей жанына отуруп.

- Жакшы, сен ким элең, кызым? - деди алсыз жаткан Тамара. - Тааныбай турам, жүзүң жылуу учурайт.

- Апа… апа, кечирип кой мени, мен Жаузелканмын, - Жаузелкан ыйлап ийди. - Жаман көрсөңүз да келдим.

- Жаузелкан, Жаузелканмын дедиңби?! - Тамара башын көтөрө калды, босогодо аларды карап Белек турган, урушабы деп коркуп турган Жаузелканды Тамара колун созо өзүнө чакырды. - Келчи айланайын, келчи, балам! - деп кучактап алып, шолоктоп ыйлап жатып, алы кете шалак этип жатып калды.

Жаузелкан коркуп кетти:

- Апа, сизге эмне болду, апа, көзүңүздү ачыңызчы?

- Эмнеге келдиңиз, мен сизди билдим, апамдын оорусу катуу, - деп Белек келип, ыйлап ийди.

- Эмнени билдиң?

- Билем баарын, - Көзүн аарчып, Тамаранын үстүнө үйрүлө калды. - Апа, көзүңдү аччы!

Көптө барып, өзүнө келди Тамара. Эки жакты карап алып:

- Жаку, келдиңби, балам, - деди алсыз онтой. - Менин ал-акыбалым болсо бул, катуу таарындың, келбей койдуң, атаң болсо өтүп кеткен. Белегим үйдө жалгыз калабы деп коркуп жүрдүм эле, ырас келипсиң. Жалгызымдан калган неберемди өзүңө табыштайын, - деди да унчукпай көпкө жатты. Белек үндөгөн жок, ага айтып, кулагына сиңирип койгон эле. Ал ыйлап отура берди. - Кокус көзүм өтүп кетсе, кимге көз каранды болот? Ооруп жатканымда келип, карай турган эч ким болбоду, уулумдан башка караан жок.

Ыйлайын деп ыйлай албай, көз кычыктарынан гана жылтырап сууланышып турду.

- Мен билбедим, апа, Москвадан жакында эле келдим, сизди урушат го деп коркуп жаттым.

- Урушмак кайда, "бекер кылган экенмин" деп өкүнүп калганымда силерди таппай калдым. Кудайга шүгүр, мени кечир, балам, уулумдун сүйүп алган жары элең… Султан өлгөндөн кийин Белек экөөбүз эле соксоюп кала бердик. Жаш кезде чамгарактап, бир күнү абалыбыз кандай күнгө туш келээрин билбейт экенбиз да. Султан өзү да жалгыз болчу, мындайыраак туугандары бар, аларга табыштагандан көрө, өз энеси эмессиңби, балам.

- Апа, капаланбаңыз, эмне ичип жатасыз, дары ичип же врачка көрүндүңүзбү?

- Жо-ок, балам, доктурга кайдан көрүнөм?

- Врач чакырсамбы анда?

- Ошентпейсизби? - деди Белек Жаузелканды карай үмүттүү.

Анын балалык сезими, чоң энесин жакшы болуп кетсе деген ойдо эле.

- Мен доктур алып келейин, ээ? - деди да, Жаузелкан ордунан туруп, эшикке карай жөнөдү.

Ошол эле күнү ооруканага жаткырып коюп, врачка сүйлөштү, Белекти үйүнө алып кетти. Ага бир сыйра кийим-кечек сатып берип, ваннага түшүрүп, жанында алып жүрдү. Кечинде үйдө тамактанып отурганда:

- Эмнеге келбей жүрдүңүз? - деди Белек өзүн тике карап.

- Мени келбей турган кылышкан, балам, дагы жакшы, кубалап чыгат го деп коркуп баргамын.

- Кайдан, атам өлгөндөн кийин эле мага айтып келе жатат, өзүн-өзү тилдейт, бекер кылыпмын деп өкүнөт, келип калганыңыз жакшы болду, - деп Белек үңкүйдү.

- Атаң качан өлдү?

- Үч жыл болду.

- Ошондон бери экөөңөр эле жашап жатасыңарбы?

- Ооба, тайкем кээде келип кетет, тажеңем экөө, башка ким келмек эле?

- Барганым жакшы болгон тура.

- Ооба, чынында тамак-аштан деле кемип калдык, пенсиясы жетпейт, эптеп чай кайнатып берем.

Буларды угуп отурган Жаузелкандын жүрөгү зыркырап кетти. Көзүнө жаш тегеренди:

- Эми апаң экөөңөрдү өзүм багам.

- Апам жакшы болуп кетеби?

- Жакшы болуп кетет, коркунучтуу эч нерсе жок деди.

- Өлүп калабы деп коркуп жаттым эле, жакшы болду, - Белектин кабагы ачыла түштү. - Өлбөй эле койсо экен.

- Коркпо, уулум, жакшы болот, сен үчүн апаңды болгонумду чачсам да айыктырабыз, уулум, кел-келе гой мага, эми бир жакшылап учурашып алалы, - деп Жаузелкан эки колун суна кучак жайды. - Көзүңдү ача электе, ууз сүттү эмизбей алып калышты эле сени, келе гой, күчүгүм?! - дегенде Белек акырын туруп келип, кучагына жыгылды.

Жаузелкан ыйлап жатты. Эне-бала бири-биринин мээримин кучагынан сезип, жылуулук тартуулап, саамга кучакташып турду.

- Апам сиз жөнүндө көп айтчу, анан мен күтүп жүрчүмүн, - деп Белек болбурады.

- Секетим, белегим менин, эгер сени алып калып, мени кубалабаса эч жакка кетмек эмесмин, уулум, сени бир мүнөт да таштамак эмесмин.

- Мейли, дагы ушинтип келип калганыңыз жакшы болду да, - деп кудуңдай отургучка отурду.

- Иниң бар, уулум, Тунук деген иниң бар, - деп күлмүңдөй карады Жаузелкан.

- Каякта?

- Бүгүн конокко кеткен, бир айдан кийин келет, сен окуп жатасыңбы?

- Жок, атам өлгөндөн бери окуй элекмин, апамды таштай албай жүрбөдүмбү?

Жаузелкан баласынын көңүлүн алууга далбастап жатты. Белек анчалык деле өөндөбөдү, бат эле жакшы сүйлөшүп кетти. Жаузелкан Тамараны врачтарга дайындап, укол-дарынын күчтүүлөрүн бердирип жатып, кайненеси бир жумада дурус болуп калды. Белек апасынын өйдө болуп, отуруп калганын көрүп, абдан кубанды:

- Апа, жакшы болуп калдыңбы? - деди жанына жетип эркелей.

- Ооба, каралдым, жакшы болуп калдым, Жакум келбегенде ким билет, кудай өзү жиберди, болбосо өлүп калсам сен эмне болот элең? - деп уулун өөп койду. - Жалгыз эмне болот деп санааркап жүрдүм эле, кудайдын ушунусуна шүгүр!

- Ооба сага, өлбөйт болчусуң, бирок кыйналып калат элең, жакшы болду ээ, апа?

- Каралдым десе, - деп келинине бир кезде айткан сөзүн эстеп: "Кайгы адамды жинди кылат деген туура экен да, болбосо, бул бечара баламды атайын өлтүрттү беле, өзү деле оор абалдан кайтты эле го, ошолорду кектесе, мени карамак беле" деп тобо кылып жатты..

Жаузелкан өнтөлөп, ысык тамак жасап келип, кайненесинин ал-абалын билип жатып, чоң энесине барбай калган. Шашылыш аякка жөнөгөндө Белекти ээрчитип алып барды. Баягы күнү жакшы болуп калган Зияда кайра тил ооздон калыптыр. Ошол түнү ал дүйнө салды. Жаузелкан үч күн аерден чыга албай, Белекти жөнөттү, ал шаарды жакшы билбегендиктен барып, жай жообун айтып отуруп, анан келди. "Өлгөндүн жазасы көмгөн" дегендей, үчүнчү күнү өлүк коюу аземи болду. Ызы-чуу болгон уул-кыздары, келин-кесектери ыйлап отуруп коштошту. Жаузелкан дагы кыздарынын арасында болду. Андан кийин дагы эки күн туруп калды, шашкандан уялды. Ошентип, ал беш күндөн кийин анан "үйүмдү көрүп эле кайра келем" деп чыкты да, Тамарага келди.

- Иий, айланайын, кабатырланбай эле койсоң болот эле го, чоң энең өлүп жатса, келбей койо турбайт белең? - деди бетинен өөп.

- Сизди эмне болду деп көңүлүм тынбады, жакшы болуп калдыңызбы?

- Жакшы, сага рахмат, балам, өлүп калаарымда жан киргиздиң, доктур кызга да рахмат, садага.

- Уколду токтото элекпи?

- Токтоткон, эки күндөн кийин чыгасыз дешти го, чыксак уулум экөөбүз үйгө кете беребиз, балам.

- Кой, түз эле меникине баргыла, Белек билет, өзүм сүйлөшүп чыгайынчы, - деп Жаузелкан врачка кирип кайра чыкты. - Жакшы болуп калды дейт, алып кете берсеңиз болот дейт, кетелиби, апа?

- Ооба, балам, кетпей анан, өзүм да кетким келип калган, - деп Тамара ордунан козголду.

Жаузелкан аны такси менен үйүнө алып келди. Тамара ичинен абдан ыраазы болуп жатты. Жашаган үйүн, ички жасалгасын көрүп: "Аттиң дүйнө, 'өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет' деген ырас тура, уулумдун эмдигиче сөөгү сөпөт болду го, бул минтип хан ичпести ичип жашап жаткан экен" деп сыздап ийди ичинен. Жаузелкан базарга барып, эт-аш алып келди да, Айдайга берди. Өзү Тамарага бир сыйра кийим кийгизип, анан диванга жаткырып, шуудураган төшөктү жаап:

- Тынч жатыңыз эми, сиздерге тамак-ашты жасап берип турат, эмне керек болсо айта бериңиз, - деди да, кайра Айдайга дайындап, өлгөн жерге жөнөдү.

Аны кетип калды деп, аердегилер өздөрүнчө сүйлөшүп отурушкан:

- Бөлөк өскөн неме боор бермек беле, үч-төрт күн зорго чыдады го, тигини кара бечара, өзүнүн небере-чөбүрөлөрү менен кыздары отурбайбы?

- Ой ошо да, башында колуна алмак турсун кереги жок деп так секирип коюшкан, эми катын болгондо, анан таап келип жатпайбы?

- Ошону айтсаң, баласы өлгөндө "аялы-баласын алып келбейсиңерби?" десек: "ош-шол кара жерге кирсин, Айтбек алкаштын кызын баламдын башына отургузбайм" деп болбой койгон.

- Арбактан ишаарат алса керек, болбосо издешмек эмес, - дешип сүйлөшүп жатканда, Жаузелкан кирип келди эле, отургандар жымжырт боло бири-бирин түрткүлөп калышты.

- Келдиңби, Жаку, кел биерге, - деп Зульфия аны чакырып алды.

Төрдө өздөрүнчө шыбырашып отурган аялдар, ал келгенден кийин сыртка чыгып, ары басышты.

- Дегеле татынакай неме экен, ээ? - деди дагы бири.

- Ооба, Айтбектин кызы ушундай болчу, апасына окшош тура, бечара кыз ата-энеден эчтеке көргөн жок, эрте жашында өлүп калыптыр.

- Өмүр бою эле арак ичип жүрүп, эми аялы катуу ооруп жатыптыр го, Айтбек болсо, жетимишке жетпей эле ылжырап карып калды, андан улуу тиги молдо жездени көр, эки бети кыпкызыл болуп дындыйат, - деп ушактын жаагын жара өздөрүнчө шыбырашып, анан боз үйгө киришти.

Зульфия Жаузелканды жанына отургузуп алып, апасынын кийимдеринен бөлүп берди.

- Белекти кайда койдуң? - деди адегенде.

- Кайненем үйгө келди, экөө калды.

- Жакшы кылыпсың, атасы болбогондон кийин өзүңдө болгону жакшы, буларды апамдан эстелик катары алып жүр, кийген кийимдеринен дагы бар, баарыбыз алып, сага дагы бөлдүк, бул апамдын өзүнүн тагынып жүргөн сөйкөсү, сага берели деп чечтик, бүгүн биерде болосуңбу?

- Ооба, баарын дайындап койдум, эртең кетсем болоор.

- Эртең баарыбыз эле кетебиз, барбасак болбойт, - деди Альфия. - Сенин дагы шартың болбой жатса бара бер, келип-кетип турабыз.

- Кайненемди азыраак күн карап койойун, баламды өзү колума тапшырып отурат, анын айласы деле калбаптыр…

- Жакшы болуптур, эки балаң менен тең бирге болуп. Баса, менин жанымда бир контейнер сатылганы турат, соода жасайм десең сүйлөшүп берейин.

- Канча болот экен?

- Арзаныраак таап берем.

- Соода кылыш керек эле, же Россияга кетпегенден кийин.

- Мен макулдашып койом, кийинки келгенде өзүм айтам.

- Макул.

- Балдарыңды кайда таштамак элең, ушул жерден эле соода кыла бер, үй-жайың болгондон кийин. Батирлеп жүрүп деле жашап жатышпайбы? Эгер акча керек болсо, жардам беребиз.

- Алып коюп ижарага берсем алабы?

- Ой, толуп жатат, андай кылсаң деле болот, иши кылса колуңдан келгенди жасасаң болот, эбин таба албагандар таба албай, темтейип жүрбөйбү, сенин колуңдан келет.

- Мен алтын дүкөнүн ачсамбы дегем.

- Андан бетер жакшы, - деп эки эжеси ага өз ойлорун айтып, шыбырашып жатканда, эшиктен өкүрүк чыгып, аялдар кошок кошуп калышты.. .

Үн созуп бир топ ыйлашты, келген-кеткендин аягы үзүлбөй жатты.

Эртеси түшкө жакын Жаузелкан көтөрүнүп алып үйүнө келип калды.

- Жакшы отурасызбы, тамак-аш ичип жатасыңарбы? - деди кирип келип эле.

- Жакшы, өзүң кандай, балам, эже-сиңдилериң жакшы жүрүшөбү? - Тамара жалпылдай сурап калды.

- Баары жакшы, - Жаузелкан алып келгендерин үстөлгө жайып, кайненесин колтуктап отургузду. - Чоң энем туура токсонго чыгыптыр, чачыласы деп кийиминен беришти. Алыңыз, ооз тийиңиз, алсаңыз эттен.

- Алып жатам, албай анан, токсонго чыккан кишинин чачыласынан ооз тийбей анан, - Тамара жылкынын чүйгүн этинен алып, аздан үзүп жеп отурду. - Канча баласы бар экен?

- Менин атамдан башка эки эркек, эки кызы бар экен, неберелери жыйырма төрт, - Жаузелкан күлүп калды. - Бир менден башкасы.

- Бактылуу байбиче экен, - деп Тамара шилекейин кылк жута мууна түштү. - Бактылуу аял экен, өлбөптүр да-а.. .

Шуу үшкүрүнө көзүнөн чолок жаш мөлт этип кетти: "Кандай бактылуу аял экен, мен өлсөм каргадай жалгыз неберемден башка ким бар, иним өкүрөөр, анын балдары кайда-ан, башымда ыйлап отураар бир кызым же сиңдим жок" деп ойлонуп жатты. Сыртынан билгизбеген менен ичинен сыздап жатты. Бири кем дүйнөнүн ар бир пендесине буйруган жазмышын көрбөскө акысы, аргасы барбы? Ошону билбей кээ бир көр пенделер чөнтөгүнө акча түшсө ата-теңирин тааныбай, кудай менен, өлгөндө тозок отуна күйөөрү менен иши жок, дырдыңдап арам акчаны батыралбай, өзүнүн сасыган чөөдөй болгон кейпин ойлоп койбой, кыздарындай кыздарга асылып, көзүн майга жетпеген мышыктай кызартып жүрүшпөйбү?!

Жаузелкан кайненесинин ички арманын түшүнүп эле турду, анан Айдайды чакырып, чай буйруду. Анын алып келген ысык чайынан куюп, алдына койду, Белекти карап:

- Беку, ал-ала гой, дегеле тамак жебейт экенсиң да? - деп жылмайды.

- Жеп жатам, андан көрө мени мектепке жибересиңби?

- Сөзсүз, сөзсүз барасың, эгерде окууң жакшы болсо, лицейге киргизип койом, сен чоң адам болушуң керек.

- Сабакты жакшы окучумун, эки жыл ордумда калып каламбы?

- Сүйлөшүп көрөм да, башка мектепке жетинчи класска окуй бересиң.

- Ур-ре-е! - Белек чын дилинен кубана, эки колун көтөрүп, кыйкырып ийди, - Чын элеби?

- Эмнеге калп айтмак элем, сөзсүз окуйсуң.

Эне баланы карап, Тамара кубанып турду. Бир кездеги өзүнүн жаш кезин, Кутмандын мектепке барганын, анын абдан жароокер, ак көңүл, жооштугун көз алдынан сыдырып өттү, "Каралдым, аман болгондо бактылуу үйбүлө болушмак, эмдигиче дагы төрөп түшөт эле, Белегим жалгыз болбой үйүбүз бапырап турат эле" деп дагы муңканып алды ичинен.

- Апа, отургучтан кыйналып кеткен жоксузбу? - деди Жаузелкан ага кайрылып.

- Жо-ок, жакшы эле отурам, кудайга шүгүр, балам, ушуга да шүгүр.

- Чайдан ичсеңиз боло?

- Керегинче ичтим, карыганда тамак-аш деле анча барбай калат экен, ушу тойгонума тобо.

- Анда үйгө киргизейин, жумшак жатыңыз.

- Ошентейин, өзүм эле кирем, оңолуп калдым баягыдан, көр оозунан сууруп алдың, садага, көрөөр күнүм бар экен, - деп өйдө болуп, ички үйгө өзү жөнөдү. - Бөрүдөй эле болуп калдым, минтип бага берсең азыр өлбөйм! - деп күлгөндөй болду.

- Коюңузчу, өлгөндө эмне, Белектин адам болгонун, балалуу болуп, үйбүлө күткөнүн көрүңүз, - Жаузелкан артынан кошо келип, акырын сүйөдү.

- Ким билет, ошону көрсөм дегенде эки көзүм төрт, Белегимдин адам болгонун көрсөм кана, бир баласын көрүп, ошо чебиремдин ит көйнөгүн бетиме жамынып өлсөм, арманым жок эле…

- Кам санаба, апа, эми биз чогуу болобуз, сизди өзүм карайм, - деп күлдү Жаузелкан.

- Пейлиңден айланайын десе… - Эне эмшиңдеп алды. - Кутум экөөңөр кандай гана бактылуу болот элеңер, жараткандын өзү билет тура-а, өзү жаратып, өзү алган убакта алат тура, - деп көз жашын колу менен аарчып алды.

Жаузелкан унчукпады, ал дагы ойлонуп кеткен, диванга отургузуп:

- Бутуңузду жаап койойунбу? - деди көптөн кийин.

- Мейли, куураган бут муздап кетет, - деди Тамара.

Жаузелкан ошентип, Россияга барам деген оюнан кайтып, эки уулунун келечеги үчүн энелик мээрими, тарбиясы керек экенин, өзүнө чоң милдет тагылганын ойлонуп, шаарда калып калды. Тунугу менен Белеги да кичи пейил, тил алчаак болду. Адегенде айдоочуга окуп, күбөлүк алды. Андан кийин Бекматка тандатып, ошол учурда жаңыдан чыгып жаткан "Ауди-100" маркасындагы автомашина сатып алды. Жол эрежесин үйрөнүп алгандан кийин Белекке өзү үйрөтүп, жанына ала жүрчү болду. Тамара болсо келининин өз кызындай асырап, бир кездеги өткөргөнүн эсине албай жаркылдай мамиле жасаганына ичинен ыраазы. Сейит анда-санда Нурия экөө келип-кетип турат. Сейиттин телегейи тегиз, көңүлү көтөрүңкү, Тунукту купуя гана өзүнө имере шор эттире жыттап, кызынын сыйын көрүп, экөө жөнөп кетишет. Белекти айткандай эле Жаузелкан жетинчи класска окутту. Тунук биринчиде. Жалгыздыгы гана болбосо, үйү бапырап келим-кетими көп. Бир күнү үйдө тагалары менен таанышып отурган, сыртта жүргөн Тунук:

- Апа, сизди чакырып жатат! - деп калды.

- Ким экен? - деп чыга калса, дарбазанын оозунда Замира туруптур, аны көрүп, кайра кирип кетмек болгондо ал:

- Жаузелкан, качпа менден, - деди үнүн пас чыгара.

- Замира, сенин жүзүңдү карай турган кылдың беле?

- Кечир, курбум, чынында менден кетип калды, мени кечирип кой, - деди ал башын жерге салып.

- Кантип, эгер мен ошондо милиция чакыра албасам, Курман экөөңөр түнү менен өлтүрмөксүңөр!

- Кечирип кой, ичип алгам, атайын кечирим сурап келдим, мейли, өзүң бил, кечирим сураш милдетим, кечирсең койсоң эрк өзүңдө, курбум! - деди Замира.

- "Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер" деген экен, мейли, курбум, өткөн нерсеге кек санаганым болбос, - деп Жаузелкан ага кучак жайды.

- Рахмат, курбум, мен эми түшүндүм, көрсө ата-энем эркелетип чоңойтуп, өзүмчүл кылып койгон тура, өткөндү унутуп, кечир мени! - Экөө кучакташып, көпкө туруп, ичкери киришти.

- Мына, эже, менин көргөн күнүм, өткөргөн жашоом, - деп жаркылдай күлүп, сөзүн аяктады Жаузелкан. - Эми бактылуумун, бир кезде мени жээрип карабай койгон адамдар азыр мени сыйлап, берээрге эч нерсесин таппай турат. Бирок өткөн күндүн издери барак бетине тамган сыядай кетпей калат, ошол сымал бир гана нерсе көңүлүмдү ирээнжитип жиберет… - деп ойлуу басып, кафеден чыгып коштошуп, өз жолдорубузга түштүк…

Кийин ошол эле Дордойдун Жаузелканды дагы бир жолу көрүп калып, экөөбүз дагы бир жолу кафеден чайлаштык да, Жаузелкан соңку турмушунан аңгеме куруп берди.

Жаузелкан карыган кайненесин колуна алып, көңүлү жайланып, дүйнөдө өзүн бактылуу сезип, балдарына татыктуу эне болуп, тарбиялоого эт-бети менен киришти. Тунукту да колуна алды. Тамара багуусу жарашкандыктан абдан тыңып, келинине ыраазы. Өзү кирип-чыгып калган. Бир кездеги ушакка ишенип, тил тийгизгенине ичинен өкүнүп жүрдү. Жаузелкан машина алып алган. Дордойдон орун алып, соодага бир келинди отургузуп койду. Күндө келип, эсептешип, товарын толуктап берип турат.

Ошол жерде бир адам аны күндө көргөн сайын жал-жал карап калат. Ал Абди деген элүүлөргө барып калган неме. Сажирадан бир күнү сурап калды:

- Сажира, келип жүргөн келин эмнең болот?

- Аа-а, Жаку эжени айтасызбы?

- Ооба-ооба.

- Биздин коңшубуз, атамдар менен жакшы.

- Күйөөсү барбы?

- Жок, эки баласы бар.

- Ийи, - деп тим болду Абди.

Ошол күнү дагы келгенде, акырын басып барган Абди ага:

- Саламатсызбы, карындаш? - деди жылмая.

- Саламатчылык, - Жаузелкан ага чоочуркай карады.

- Карындаш, таанышып алалы, мен бул орунда соода кылам, мүмкүн болсо чайлашканча…

- Таанышуу жакшы нерсе, бирок эмне максат менен?

- Эч кандай максат деле жок, адам деген тааныша жүргөн жакшы го дейм.

- Менин атым Жаузелкан, - Келин күлүп койду. - Мына ушинтип эле таанышып алганыбыз туура болду го?

- Менин атым Абди, - Абди колун сунду.

- Жакшы, эми таанышпыз да, байке.

- Ооба-ооба, бирок сыйлашуу да ашыкча болбос эле, биз кыргыздын урпагыбыз, меймандостугубуз бийик, ошондуктан ага, жигит катары чайга чакырайын, эгер уруксаат болсо… - Абди Жаузелкандын көздөрүнө тике карады.

- Ага катары чакырсаңыз арга жок, рахмат сизге…

- Ыраазымын, жүрүңүз анда, - деп Абди алдыга басты.

Экөө четке чыгып, кыркаар жайгашкан майда ашканадан өтүп барып, чоң кафеге киришти, төр жагынан орун алгандан кийин Абди буйрутма берип койду да, бир азга үнсүз отуруп калганда Жаузелкан:

- Сүйлөңүз, - деди токтоо. - Менин чынында убактым жок эле…

- Жаузелкан, сени менен таанышканыма кубанычтамын, мен бойдокмун, он жыл мурун аялым каза болуп калган, эки балам өзүнчө болуп кетти, кара башымды багыш үчүн ушул жерде соода кылам.

- Айта бериңиз.

- Сени көптөн бери көрөм, жаныңа даап барып, сүйлөшкөнгө дитим барбай канчадан бери күч топтоп жүрдүм эле, - деп күлүп калды.

Жаузелкан да күлдү:

- Анан…

- Бүгүн сени менен бет маңдай отурганыма ишенип-ишенбей да турам.

- Айта бериңиз, анан эмне демекчисиз?

- Эч нерсе, болгону сүйлөшүп туралы дейм…

- Болуптур, тааныш болуп деги калдык, мен деле жаш эмесмин, кыркка барып калдым. Сыйыңызга рахмат, эмки кезек менден, жакшылап сыйлайм, эми туралы, кандай дейсиз?

- Туура, менин сөзүмдү кайтарбай келип бергениңе рахмат Жаузелкан, мындан ары тез-тез жолугушуп туралы, ээ?

Экөө бата кылып, орундарынан турушту. Ошол күнү Жаузелкан үйүнө келе жатса, жакындаганда алдынан Курман көрүндү, машинесин дарбазанын түбүнө токтотуп, үйгө кирээрде жете келди.

- Жаузелкан, менин сенде сөзүм бар эле…

- Экөөбүздүн ортобузда эч кандай сөз болушу мүмкүн эмес.

- Бар, сени менен мен сүйлөшүшүм керек!

- Аныңды укканга убактым да жок!

Жаузелкан дарбазаны ачмак болгондо, Белек чыга калып эшикти ачып, машинаны ичкериге айдап кирип кетти. Анткени ал айдаганга көнүп калган. Жаузелкан уулунун артынан кирип, дарбазаны жаап жатканда Курман ага:

- Сен киши тоотпой калган экенсиң да, бир ооз сүйлөшүүгө болбойбу? - деди өңүнөн түгү чыга ачуусу келе.

- Милиция чакырышым керекпи сага?

- Ойношторуң милиция болсо, чакырасың да.

- Оозуңа карап сүйлө, өкүнүп кала элегиңде биерден жогол! - деди да, Жаузелкан эшигин тарс жаап, ичинен илип, үйүнө кирди.

Кыжаалат болуп залга кирип, ата-энесинин күнү бүгүнкүдөй күлүмсүрөп, өзүнө тигилген сүрөттөрүнө көпкө карап туруп:

- Силер бейкапар гана ал дүйнөдө бирге жүрөсүңөр, мен башымдан нелерди өткөрбөдүм, ата-эненин мээримин, сый-урматын көрбөй жашоого кээде нааразы болуп, кээде турмушума ыраазы болуп, өмүр өткөрүүдөмүн, - деп ыйлап жатты.

Ал ошентип күнгүрөнүп, ары карап турганда, Белек босогодо аны карап турду. Бери бурула берип, уулун көрүп, жашын аарчый:

- Биерде эмне турасың? - деди.

- Сиз ата-энеңизди ойлогондо, мен дагы атамдарды ойлоп кеттим, неге адамдар өлүшөт, апа?!

- Берекем десе, сен чоңоюп калбадыңбы, адамдар өлүп, кайра башкалар жаңыланып турат, чынында жакшы адамдар эрте өлүшөт, кара өзгөй, пейили тар, адамдык сапаты аз адамдар көп жашашат, анткени ошол жакшы адамдар бузукулардын тилине кирип, булганычка батпасын деп эрте алып кетет кудайым, - Белекти бооруна кысып, чачынан жыттап, салаалап аккан жашын бир колу менен аарчып алды. - Атаңды көп ойлонбо, уулум, алар эми бейиште жүргөндүр…

- Бейиште экенин кантип билдиңиз?

- Атаң киши колдуу болгон, ошондуктан ал бейиште, а сен бейишти билесиңби?

- Чоң энем дайыма ыйлаганда, бейиште болсун жаныңар дечү да, ошондо бейиш деген эмне деп сурасам, жакшы адамдар бара турган жай дечү.

- Садагам десе, жүрү эми, мен кечки тамакты жасай койойун, чоң энең уктап жатабы?

- Ал үйдө эле, уктаган жок.

- Жүрү анда, ага кирип чыгайын, - деп чыга берээрде, Тамара эне-баланы карап ыйлап турганын көрдү. - Апа, сизге эмне болду? - Күлө багып сурады. - Көп кейигенге болбойт сизге, - деди да, аны колтуктап, өз бөлмөсүнө кирди. - Силер отура бергиле, мен тамак жасай койойун, кардыңар ачкан жокпу, Тунук көрүнбөйт да?

- Ал азыр эле чыккан, балдар менен ойноп жүрөт, мен компьютер менен алектенип жаткам.

- Сен аны чакырып келе кал, кеч кирип кетти.

- Макул, - Белек сыртка чыгып кетти.

Жаузелкан тамак жасап жатканда, Белек менен Тунук ээрчише сырттан кирди, аны бетинен өөп:

- Көчөгө көп чыкпай жүр, окуу жакындап калды, китеп бетин ачып окусаң боло? - деди эркелете. - Байкең экөөңөр компьютер карабайсыңарбы?

- Менин досторум ойноп жүрбөйбү?

- Кечке калба, күндүзү ойносоң жетишет.

- Маку-ул, - деди Тунук дулдуя.

- Баргыла эми энеңер жалгыз калды, мен азыр тамак алып кирем.

Экөө жүгүрүп чыгып кетти. Өзүнчө бактылуу жылмайган Жаузелкан: "Бакыт деген балдарыңдын жанында болуу эмей эмне, тагдырым ары калчап, бери калчап келип, акыры балдарыма кошту, ушунусуна шүгүр" деп ойлуу отурганда, сырттан дабыш чыгып, Замира кирип келди.

- Ой, кандайсың, кара жан? - Ал шакылдай жаркылдап күлүп, Жаузелканды кучактап, өөп калды.

- Жакшы, өзүң кандай жүрөсүң?

- Эң сонун ай, мен бир жигит таптым, сага сүйүнчүлөйүн деп келдим, ал мага үйлөнөлү деп сунуш кылды, - Замира дем албай бежиреп жатты. - Эгерде сага жакса, мен ага турмушка чыгам.

- Эмне үчүн мага, өзүң жактырсаң болду да.

Жаузелкан аны жактыра бербей суз айтты, ал баягыдан кийин аны жаман көрүп калган эле.

- Сен менин жан курбумсуң, сага жакса гана мен ага макулдугумду берем, - деп Замира жанына отуруп алып сүйлөп жатты. - Өзү мени менен тең, куруучу болуп иштейт, үй-жайы бар экен, колунда бир кыз, бир уулу бар экен, - деген Замира курбусу ал үчүн кубанбасын билип турса да, ага сүйлөй берди, анткени анын котур ташы койнунда эле.

"Мунун байлыгы бар, ошол сейфти бир ачып, көрүшүм керек, ачкычын кайда койгонун билсем" деп канча ирет келип жатып, түнү аңдып чыгат. Бирок Жаузелкан ал сейфти ачкан жок. Эми бир түрмөдөн чыккан Эркинбек дегенди таап алган, ал экөө бир канча ирээт жолугушуп, Жаузелкан жөнүндө айткан эле.

- Замира, ал жигитиң менен мен жашабайм да, өз жүрөгүң менен кеңеш, түбөлүк жашай турган адамыңды өзүң гана тандашың керек, - деди Жаузелкан ойлуу.

- Эгер кааласаң чакырып келейинби?

- Жо-ок, үйгө алып келгенге болбойт, балдар менен кайненем бар эмеспи, эртең же башка күнү бир жерден жолугалы.

- Мен ага сен жөнүндө айтып, аябай мактаганмын, сени менен таанышууга куштар болуп жүрөт.

- Замира, чынын айтсам, силер күйөөгө чыккандан кийин деле тааныша беребиз, андан көрө, сен макул боло бер.

- Ойлонуп көрөйүн.

Замира ага жини келе: "Зымпыйганыңды көрөөрмүн, шашпа сага көрсөтөм" деп алды ичинен.

Жаузелкан тамагын Тамаралар отурган бөлмөгө алып кирди. Замира болсо унчукпай кошо жардам берип, дасторконго отурду. Эч кимиси үн катпады. Тамактанып бүткөндөн кийин Замира Жаузелкан экөө конок бөлмөгө баш бакты. Жаузелкан курбусу менен сүйлөшкүсү келбесе да, орун салып берип жатып: "Бул эмне эле мага жабышып калды, өз үйү жакын жерде турса, биерге келип жатканы кандай? Башынан дейди өсүп калган неме болбойт тура" деп ичинен ойлонуп алды.

- Жаку, - деди бир топтон кийин Замира.

- Ийи.

- Сени ойлойм да: баары бар, эч кемчилигиң жок, балдарың маңдайыңда, эми бир күйөөнү үстүңө киргизип алсаң болот да. Сенин ордуңда мен болсом, бири жакпаса бирин киргизип алып, жашоонун кызыгын көрмөкмүн.

- Кантип, Замира, көөдөндөгү кусалыкты басаар адам болбосо кантип? Мен антким келбейт, жүрөгүм каалап, көңүлгө туура келсе, эч кимдин кеңешисиз эле баш кошуп алып, ошонун үйүнө барам. Эркектин намыстуусу жагат, намысы жок эркек аялдын үйүнө кирип, күч күйөө болгонго кайыл болот, мага андайлар жакпайт.

- Ушунчалык акылдуусуң, курбум, мен сени менен сыймыктанам, бирок азыркы жашоодо ошондой эркек аз да, таанышсаң эле үйүң барбы дешет, - Замира калп күлүп калды.

- Табылат, адамдын баары эле акмак, анан намысы жок эмес, курбум. Мына биз деле кыркка келип калдык, акыл токтотуп, балдарга үлгү болгонго даяр болушубуз керек, - деди Жаузелкан ойлуу.

- Сенин го балдарың бар, мен качан балалуу болом, курбум, ысыгына күйүп, суугума тоңуп, өйдөдө өбөк болчу адамга жолугамбы деги? Ошону үчүн сынап-кынап бер десем, болбой жатасың го? - Замира ага таарынычтуу карады. - Сен сынчылсың, көзүң жетет баарына, Жуман эгер өлбөгөндө кандай гана бактылуу болмоксуңар.

- Ал эми өттү-кетти, дос, пешенеге жазганынан чыга албадым. Тагдырга тан бергенден башка аргабыз жок эмеспи.

- Жаку, сенден бир сураныч…

- Айта бер, туура келсе көрөйүн.

- Эркинбек менен жолугуп көрсөң.

- Бир күнү дедим го, кой уктайлы, мен чарчап турам, - Жаузелкан өз ордуна жатып алды. - Сен деле укта эми.

- Мен жигитим жөнүндө айтсам эле уккуң келбей калат. Ошону сынап бер дедим эле…

- Мен кимди сынай алам, курбум? Азыр бирөөнү сынамак тургай, өзүмдү сынай албай турам, тиричилик, жашоо деген кыйнап жиберди, эки уулумду мектепке окутам, чоңоюп баратышат, келечегин ойлошум керек.

- Бир эле жолу, бир эле жолу жолугуп койсоң, байкап көр, сүйөм-күйөм деп жүрөт, ата-энем болсо менден үмүтүн үзүп койгон, баягыдай күйөөгө чык, үйбүлө күт дегендерин койгон, бир ишенгеним, кеңешээрим сенсиң азыр…

- Болуптур эми, өзүң каалаган күнү болжошкон жерден жолугалы.

- Рахмат, курбум, - деп Замира аны алкап ийди.

Ошондон кийин экөө тең өз ойлору менен алектенип жатып калды. Замира: "Эми Эркинди көрүшүм керек, ал мунун ички сырын бат эле таап алат, керек болсо мени таштап Жаузелканды сүйдүрүүгө чейин барат, анан ага бүт баарын айтпаганда кайда барат эле" деп ойлоп эси-дартынын баары Жаузелкандын байлыгында болуп турду. "Жумандан алган долларга байып жатат, буга болбосо ким бермек эле" деген ойдо ичи тарый берди.

Белгиленген күнү Замира Эркинди ээрчитип алып, болжошкон жерде турганда, Жаузелкан Ауди менен келип калды. Алар менен сылык учурашып, анан кафеге киришти. Үчөө отуруп тамактанып, сүйлөшүп жатты.

- Замира, - деди шыпылдай сүйлөгөн Эркинбек. - Сенин курбуң мага жагып калды, ушундай курбусу бар менин жалжал көзүм деле оңой эмес көрүнөт.

- Эркинбек, эми биз бала эмеспиз да, Замирага ушуга чейин жигит жакпай бойдок жүрөт, жаныңда отурган жалжал көз курбумду эми сыйлап ал, экөөңөргө бак-таалай каалайм, - деди Жаузелкан жылмая.

- А өзүң эмнеге бойдоксуң, Жаузелкан, ашыкча сулууларды да кармап, кадырына жете билгендер табылбаса керек? - Эркинбек сырдуу жылмайып койду.

- Курбум жакса болду, менин жакканым ошол, эми Эркинбек менин жан күйөөрүм десем жаңылышпайм, - Замира ушинтип, Эркинбекти карай сол көзүн кысып койду, муну Жаузелкан байкаган жок.

- Ананчы, эки сулуунун жанында сүйлөөр сөзүмдү да таппай калдым, деги сүрүңөр илгерки канышанын сүрүндөй эле бар экен, - деп Эркинбек официантка карады. - Чоң кыз, келип койосузбу?.

Официант кыз жанына келди:

- Угуп жатам.

- Бизге импорт вино алып келчи.

- Жарайт, - деп шарт бурулуп кетти.

- Эркинбек, мен ичпейм, бекер убара болдуңар го? - деди Жаузелкан ыңгайсыздана.

- Жо-жо-ок, андай болбойт, силердей жаркын кыздар менен отурганда ичпесек болбой калбайбы? - деди Эркинбек бакылдай. Аңгыча, вино келип, рюмкаларга вино куюп, экөөнүн алдына койду, өзү бирин алды да: - Келгиле эмесе, сулуулар, таанышканыбыз үчүн! - деди аларга карай.

- Жо-ок, рахмат, мен ичпейм, иштерим көп, көңүл кыялбай келип отурам, өзүңөр алгыла, - деп Жаузелкан көшөрүп, болбой койду.

Замира ичкиликтен баш тартчу эмес. Экөө ичип жатты.

- Жаку, бир жолу көңүл үчүн, бир жолу теңтуштугубуз үчүн алып койсоң болмок, - деп Замира таарыныч кыла сүйлөдү.

- Ичкилик үчүн таарынсаң өзүң бил, курбум, менин силерге көңүлүм түз, жакшы тилектеримди мындай эле айтып койом, - Жаузелкан күлө сүйлөдү. - Экөөңөрдүн бактылуу үйбүлө болушуңарга тилектешмин!

- Рахмат.

- Бир жолу алып койчу, жок дегенде ууртап койсоң, - деп Эркинбек аны кыстап кирди.

- Мен ала турган болсом эбак алмакмын, мени кечирип койгула, - деди да, - эгер мүмкүн болсо, силерди ээн-эркин таштайын, чечише турган сөзүңөр болсо мен араңарга тоскоолдук кылганым болбойт, - деп ордунан козголду. - Мен барайын, тамагыңар таттуу болсун, көрүшкөнчө!

- Отура тур, чогуу эле чыгабыз, - деп Замира ага карады.

- Биз менен чогуу отурган жакпай калды окшойт?

- Жок, жакшы дечи, силерге жолтоо болбоюн деп жатпайынбы?

- Эмнеге жолтоо болмок элең? Замира экөөбүздө азырынча эч кандай сөз жок, тандоо өз эркимде, балким сизди жактырып калсам, өз эрким, - деди Эркинбек шыр эле.

- Ал эмне дегениңер, мен андайга макул эмесмин, курбума кыянаттык кыла албайм, кошкула, мен кеттим, - деди да, Жаузелкан кафеден чыгып, машинасына отуруп, жөнөп кетти.

Замира ал кеткенден кийин Эркинбекти карады.

- Сен ага жагууга болгон аракетиңди жумшашың керек, кыскасы мунун үйүндө дубалга орнотулган сейф бар, качан ошону ачып, болгон байлыгын тапмайынча эми мен сенден алыс болом, экөөбүздүн чатакташканыбызды айтамын.

- Жок-жок, андай дебей тур, себеби, экөөбүзгө тең катылуу байлыктын сырын ачуу керек, мен андан кечирим сурап, тамашалаганымды билдирем, ал тургай экөөбүздүн нике тоюбузга чакыра турганыбызды айтышыбыз керек.

- Туура, антпесе бул бизге оңой менен эчтеке айтпайт, - деди Замира.

- Эч кам санаба, секет, бирок Жаузелкан чынында жакшы аял экен, - деп ойлуу Замиранын көздөрүнө тигилди. - Мындай аялга жардам берип, жакшылык кылуу гана керек, - дегенде Замира чыдай албай кетти.

- Анын ушундай бир касиети бар, эркектер дайыма ага жагууга далалат кылышат, ал тургай бүт дүйнөнү берүүгө даяр болушат, а менчи, мени убактылуу гана пайдалангылары келишет, - Ордунан тура калды. - Мына сени алалы, азыр сен дагы ал үчүн баарына даяр болуп калдың, туурабы?

- Бери кара, Замира, сен экөөбүз үйбүлө куруу же курбоо жөнүндө сүйлөшкөн эмеспиз, бизде бир гана жол - акча табуу, же жалганбы? Мен сени жактырып калдым деп айткан эмесмин, туурабы? - деди Эркинбек аны карыдан ала отургучка отургузуп жатып. - Биздин жолубуз акчаны таап бөлүп алгандан кийин экиге бөлүнөөрүн унутпа!

- Түшүндүм, а мен сени жактырып калдым, балким мага үйлөнүүгө сунуш айтат деп күтүп жүргөм…

- Андай болушу мүмкүн эмес, сен акча табылчу жолду гана көрсөт, башкасын мага кой, аны мен сүйөм, сүйдүрөм анан кандай жол менен алам, ал менин ишим, сүйлөштүкпү?

- Сүйлөштүк…

- Анда жолго чыктык, сен үйүңө, а мен өз жолума, - деп Эркинбек үстөл үстүнө акчаны койду да, сыртка карай жөнөдү.

Замира бозоргон бойдон отуруп калды: "Демек, менин маңдайыма күйөөнү жазбаган экен да, бир да адам сүйүүсүн арнабады, жок дегенде жакшы көргөнүн айтып, мени бир жолу бактылуу кылса кана" деп көзүнүн жашын сүртүп алып, сыртты көздөй басты. "Эмнеге баары Жаузелканга жармашат, ошону сүйүп калышат, менин андан эмнем кем? Жашым кыркка барып калды, бала жытын жыттай элекмин, ал эми Жаузелканда баары бар" деп үйүнө баргысы келбей парк жакка басып, өзүн алаксыткысы келди.

Жаузелкан күндөгүдөй эле Дордойго келди, Сажира жаркылдай тосуп алды. Экөө көпкө эсептешти, аларды бери жактан карап турган Абди басып келди.

- Салам, Жаузелкан.

- Салам.

- Кандай иштер?

- Баары жайында, өзүңүздүкү?

- Ойдогудай, бир гана эсептеп алчу адам жетпейт.

- Ошонусу жаман экен, - Күлүп калышты.

- Мен жактырган адам сунушумду кабыл алабы же албайбы деп жүрөкзаада болуп жүрөм, кийинки күндөрү.

- Адегенде айтып көрүңүз.

- Ооз барбайт.

- Мококсузбу?

- Ошондой го?

- Жигиттин мококтугу шар кетме, ачык айрым кыздардан айрымасы төмөн болуп калат да?

- Өткүр эле жигит элем, улгайгандыкы го?

- Адам улгайган менен жүрөктүн курчтугу кайтпайт деп уктум эле…

- Аның туура, бирок сулуулар курчтукту кайтарып, сүрдөтүп турса, айла канча?

- Ошентсе да эркиңизди бекем кармаңыз.

- Туура айтасың, ушу кезде бир келинди жактырып жүрөм, эгер сунган колумду суутпаса, баарына кайыл элем, - Абди Жаузелканга жакындай ары-бери өтүп жаткан элге угузбай шыбырады. - Бирге отуруп чай ичели…

- Шашылыш элем.

- Шашкан шайтандын иши.

- Ырас, шашканда пайда жок дечи, бирок адам өзү баарына шашылып жетишпесе, убакыт токтоп турбайт эмеспи…

- Туура, ар бир мүнөт маанилүү, бирок адам көңүлү да андан кем эмес го?

- Абдан зеригип турсаңыз керек? - Жылмая карады.

- Таптың, зериккенимди айтпа.

- Сиз үчүн отуз мүнөттү курмандыкка чалууга болот.

- Анда кеттик! - Абди кубанып кетти.

- Сажира, бүгүндөн кийин сен үйгө барып турчу, бул жакка келбей эле үйдөн эсептешели, жарайбы?

- Макул, эже.

- Анда мен кеттим, - деп Абди менен катарлаша, элдин ичинен суурула чыгып баратты.

Алар көнгөн кафеге кирип, төрдөн орун алышты, желдеткич турган салкын бөлмөдөн орун алгандан кийин Абди тамакка буйрук берди.

- Сизден бир нерсе сурасам болобу?

- Албетте, сурай бер.

- Аялыңыз эмне болду эле?

- Ал Россияга иштеп келем деп барып, эки жылдан соң өлүгүн тосуп алдык, курбусу эле өлтүргөн имиш, кабат үйдүн терезесинен түртүп ийиптир.

- Жаман болгон экен, соттолдубу анан?

- Жок, далилдеген эч ким болбоду.

- Ошондой деңиз…

- Ооба, эки балам чоңоюп калган, ал өлгөндөн кийин өзүм үйлөнттүм. Азыр улуу балам Москвада, кичүү уулум өзүнчө турат, мен болсо заңгыраган үйдө жалгызмын.

- Кечиресиз, санааңызды козгоп койдум окшойт.

- Эч нерсе эмес, баары бир айтылмак да?

- Ошентсе да…

- Келиңиз, тамакка карайлы.

- Рахмат.

Тамактанып отуруп, Абди улам Жаузелканды көз кыйыгы менен карап жатты. Анысын байкаган келин: "Эмне экен, жылдыздуу адам тура, балдар аркы-беркини түшүнгүчө чыгып алсам көнүп калышат, жаман адам көрүнбөйт, ичкилик ичпейт экен, чылым чекпейт, демек мен издеген адам" деген ойдо отурду.

- Жаузелкан.

- Ийи.

- Бир сөз айтсам ынайсыңбы?

- Эгер туура келсе.

- Баш кошуп алалы…

- Жаңы эле таанышпадыкпы, балким сиз мени сыртымдан көргөн менен ички сырымды билбейсиз, жаңылып калбас бекенсиз?

- Менин үмүтүм алдабасын билем.

- Үмүт алдабайт дейбиз, кээде жаңылып калышыбыз мүмкүн.

- Аныңа каршы эмесмин, бирок мен сени жактырып калдым, Жаузелкан, көрүшүп, сүйлөшүп отурганыбыз экинчи жолу болгон менен сени көптөн бери билип жүргөнмүн, бир калыптан жазбаганыңды көрүп эле жакшы көрүп калгам.

- Сизге жок дегенден алысмын, дагы сүйлөшүп көрөлү, дароо эле баш кошолу дебеңиз, кеңеше тургандарым бар, аларга айтпай туруп, өзүм билгеним болбос, - деди Жаузелкан ойлуу.

- Рахмат, ушул сөзүң да мага канат бүтүрүп койду, демек, мен жөнүндө жаман ойдо эмессиң, - деп Абди балача кубанычтуу тура калып, эки колун сунду. - Келе колду, демек үмүтүмдү үзбөйүн, ээ?

- Жок-жок, үзбөй жүрүңүз, деги эле адам үмүтү үзүлбөсүн, ишенимиңизди актасам эле болду…

- Асылкеч жансың, Жаузелкан, айкөл, кең пейилсиң, ыраазымын сага!

- Сизге да рахмат. - Экөө сыртка чыкты. Жаузелканды таксилер токтогон жерге чейин узатып келди да, ал рулга отуруп жөнөп баратып: - Көрүшкөнчө! - деди кол көтөрө.

- Көрүшкөнчө, - деп Абди кол булгалап кала берди.

Жаузелкан үйүнө келгенде аны суук кабар күтүп турган эле: Тамара отурган жеринен эле эсин жоготуп жатып калганда, Белек тез жардам чакырып, ооруканага жеткирген. Жетип келген Жаузелкан врачка жолугуп, сүйлөшсө инсульт экен, тил-оозго келбей үч күн жатып, кете берди. Аны өз үйүнө алып барып, туугандарын чакырып, ошол жерден ызаат-сыйын жасап, акыркы жайына узатты. Төркүндөрү Жаузелканга тийишип, сүйлөй баштаганда, Белек чыга калды:

- Апам экөөбүз кароосуз калганда, кимиңер келип бир жолу кабар алып койдуңар эле? Апам былтыр эле өлмөк, керек болсо ачкадан мен да өлмөкмүн, картаң кемпир, жаш бала болуп, бир үйдө ачка калганбыз. Эгер бул болбогондо, кимге доомат кылмак элеңер?!

- Туура, биз анда-санда киргенде абалдары жаман эле, кудай үчүн, арбакты сыйлап, баласынын кадыры үчүн бир жылдан бери карап багып жаткан келинге минткениңер болбойт, бир келип кабар алган эмес элеңер го? Ушул келинди да жек көрүндү кылган силер болчусуңар, - деди жакын коңшусу, Тамара менен кирип-чыгып теңтуш болуп жүргөн Сатимбү эне.

Эч кимиси үндөгөн жок. Ошондо Белек үйгө кирип, сандыктан дептер алып чыкты да:

- Бул атам менен апамдын жазып калтырганы, үйдү, сиздердеги малдын мага караштуу экени, ал тургай силердин да кол жазмаңар бар! - деди көпчүлүк көзүнчө. - Мен али жаш болсом да көптү көрдүм, турмуштун ачуу-таттуусун таттым, эгер төркүнү болуп, апама жакшы караганыңарда мен эчтеке сурамак эмесмин, жалгыз мураскермин, моюнуңарга карыз кылгыңар келбесе бул жердегилердин баарын кыркына чейин өткөрүп бергиле! - дегенде Жаузелкан уулун таңгала карап:

- Белек, азыр кереги жок, - деди эле:

- Жок, мен апамдын топурагы сууй электе чечип алышым керек, анткени мага апам буларды далай жолу какшаган.

- Ошентсе да, сен азыр баласың да, минтпей жүрчү.

- Эгерде тоотпосо сотко өзүм берем! - деп үйдү айлана басып кетти.

Иниси жер карап тим болду, анан унчукпай кетип калды. Балдары кошо кетмек болгондо:

- Силер туруп тургула, мен эртең келем, бул жээндин айтканында калет жок, бир тууганымды өлөөрүндө көзүн көрүп, жакшы сөзүн укпай калдым, бересемди сөөк муздап, топурак сууй электе алып келип берейин, - деп жөнөй берди.

Ошентип жетилиги өтүп жатканда, малын айдап жетип келди, эки жылкы, эки уй, жыйырмадай кой, эчкини айдап келгенде Белек карап туруп:

- Менден кетсе кечириңиз, тага, буларды айтпасам болмок, бирок апам экөөбүздүн аянычтуу жашообуз мени айтууга түрткү берди, ошол силер жек көргөн Жаузелкан апам келип көрүп калбаганда, бизди арам өлтүрмөксүңөр. Же бир жолу кабар алдыңарбы, эки көзүм жолдон өтүп Жаузелканды эмес, таажеңем экөөңөрдү күткөнүмчү? - деди.

- Эжемдин арбагы кечирсин, жээним, азамат экенсиң, сенден башка болгондо, балким, эч нерсе дей алмак эмес. Кутман өлбөптүр, садага, менин көзүмдү ачтың, сен калыс адам болосуң, кадырың артсын, - деп тагасы бооруна кысып, көпкө ыйлады. - Ортодо чагым болду, Кутманды өлтүрдү деп уулум камалды, андан кийин ал дагы өлдү, ушулардын баары эжемден жат кылып койбодубу? - дегенде Белек үндөгөн жок, тек ыйлап отурду.

- Болду эми, айланайын, жаңылыштык кимден кетпейт, эми курандан башка пайда жок, - деди Сатимбү.

- Ооба-ооба, курандан башка айла жок, эжемдин арбагы ыраазы болсун, жаман мураскери калды, ушуга кудай узун өмүр, бак-таалай берсин…

- Өлүм ар бир адамдын башында бар, өлөөрдө нааразы болуп кеткен жаман, акыркы сөзүн-кебин укпай калдыңар. Байкуш бирдеме дегиси келди бекен, мына келини апакай кылып жуунтуп-кийинтип койгон экен, ойлонуп кеткен экен, болбосо жакшы болуп калды деп уктум эле, - деп Сатимбү улуулук сөзүн айтып отурду.

Үчүлүк-жетилигин өткөргөндөн кийин ар кимиси өз жолдору менен кетишти. Жаузелкан үй-жайын ирээттеп, күнгө жайып, анан бекитип коюп, өз үйлөрүнө кайтты. Сейит келип калды эле, ага малды айдатып ийди.

Беш жыл бою кабары билинбеген Бекболот үйүнө келип, эч кимисин таппай калды. Анан Жаузелкандын үйүнө келгенде, эшикти ачкан койондой окшош эки баланы көрүп:

- Жаку эжем үйдөбү? - деди чоочуркагандай короо ичине көз сала.

- Жок, апам үйдө жок, сиз кимсиз? - деди Белек ага.

- Сен Тунуксуңбу? - Бекболот Тунукту боолголой сурады.

- Ооба, мен Тунукмун.

- А сенчи? - Белекти карады.

- Мен Белекмин, чоң баласымын.

- Азаматтар десе, - деп үйгө баш бакты. - Мен силердин тагаңар болом, Россиядан келдим.

- Апамдын иниси болосузбу?

- Ооба, экөөңөр элесиңерби?

- Экөөбүз элебиз.

- Атам жокпу?

- Атам деген башка жакка көчүп кеткен, - деди Тунук эдиреңдей. - Атамдын аялы бар.

- Эмне-е? - Бекболот таңгала сурады. - Аялы дейсиңби?

- Ооба, Нурия апам жакшы-ы.

- Болуптур анда, эжем келгиче мен эс алайын, силер өз ишиңерди кыла бергиле, - деди да, залга кирип, диванга жатып калды.

Көзү илинип кеткен экен, кобураган үндөн ойгонуп кетти, эми турганы калганда Жаузелкан кирип келди.

- Беку! - деп кучак жая умтулуп келатканда, Бекболот тура калып, кучакташып калды. - Дайныңды билгизбей кайда жүрдүң, үй телефонду билесиң, чалып койсоң болбойт беле? - деп ыйлап да, сүйлөп да жатты.

- Эчтеке эмес, эже, силерди аман-эсен көрдүм, үйгө барсам, ал үйдө башкалар жашап жатыптыр, аябай корктум атамдан чочулап, биякка келбедимби?

- Атаң жүрөт, андан көрө өзүң жөнүндө айтчы, кандай жүрдүң, эмне күндө калдың, кыйналып-кысталган жоксуңбу?

- Жок, эже, эч кыйналыш болгон жок, жакшы иштеп келдим, силерге учурашып, кайра кетсемби деп ойлогом, атама барып келейин.

- Кетпе, андан көрө үйлөн, бир жакшы үй ал.

- Таап келген акчамды азыр атам экөөңөргө бөлүп берем да, кайра барып иштеп келем, силерге жардамым болбосо, кантип болсун, эжеке? Менин дүйнөдө таянаар тоом силерсиңер да, - Бекболот ойлуу Жаузелканды карады. - Атам аял алып алдыбы?

- Ооба, үйлөнгөнүнө көп болду, сен экөөбүзгө карап, канча өмүрүн бекер өткөрдү го?

- Мейли, өзүнүн денсоолугу жакшы элеби?

- Жакшы, эки күн мурун эле келип кеткен. Беку, апама куран окутуп койолу, кайда болсо да, сен экөөбүздү колдой жүрөт.

- Макул, эжеке, сиз эле билиңиз. Алты миң доллар менен келдим, адегенде атама барып келели, ээ?

- Мейли, азыр эле балдарды салып алып жөнөйбүз, атам да сени ойлоп сарсанаада жүргөн, тамактанып, бир аз эс алып ал, макулбу?.

Жаузелкан туруп, тамак жасап кирди. Белек менен Тунук өз бөлмөсүндө компьютер ойноп жатышты. Кечке маал төртөө машинага отуруп алышып, Орто-Сай айлына жөнөштү. Сейит уулун көрүп, кубанганынан ыйлап басылды.

- Бир кабарыңды билгизбедиң, уулум, беш жыл бою сени ойлонуп, кандай азап чеккенимди билесиңби? Түн уйкум качып, сени эстегенде, баш оогон жакка басып, издегим келип кетчү.

- Ата, мен жакшы эле жүрдүм, телефон чалууга эч мүмкүнчүлүк жок, - деп Бекболот атасына акчасын берди. - Менин алгачкы эмгегим, ата, Жаку эжем экөөңөргө бөлүп берейин, ал дагы кыйналбай жашасын.

- Садагам десе, ыраазымын, уулум. Өңгөдөн да өзүңдүн аман келгениң эле кубаныч эмеспи, Жаку эжең болсо жаман эмес, кудайга шүгүр эле болуп калды, экөөңөр бири-бириңерге жөлөк болгула, каралдым, эми өзүң үйлөн.

- Жок, мен кайра эле кетем, ата.

- Кеткени эмнеси?

- Барышым керек, азыр мен Россиянын жараны болууга арыз бергемин, ошол жакта эле иштей берейин, бир жерде иштеп көнүп калбадымбы?

- Үйлөнүп алып деле барсаң болбойбу, уулум?

- Жок, эмки келишимде үйлөнөм.

- Барбай эле койчу, Беку, - деди Жаузелкан дагы анын жанына келип. - Жакшы кыздар бар, үйлөнүп алып тынч эле жашай берчи. Бир машина алып алсаң болот, кудайга шүгүр, биз деле жаман эмеспиз.

- Сөзсүз барышым керек, эже, - деп Бекболот көшөрүп болбой койду.

Эртеси Жаузелкан эрте кетип калды, Бекболот менен Тунук, Белектер калып калды. Нурия алар менен ынтымактуу болуп ойноп жаткан кызын көрүп, ичинен кубанып алды. Бекболотко өнтөлөп, чай-тамагын сунуп жатты. Ошол күнү кечинде кайра келген Жаузелкан эки уулун алып кетмек болду эле, Бекболот дагы кошо бармак болуп камынып чыкты. Ал кетип жатканда Сейит:

- Уулум, бул акчаны Жакуга бер, бизге эки миң доллар деле көптүк кылат, сен үйлөнсөң дагы ошол эжең баарын көтөрөт, мен деле турам дечи, - деп кайсактай калды.

- Ата, тең эле бөлбөйсүзбү?

- Жок, балам, жетет ошол, бул апаң экөөбүзгө ушул эле жетет, - деди Сейит акырын.

- Мейли, - деди дагы Бекболот баарын түшүнгөндөй болду. Бекболот атасы менен коштошуп кайра үйлөрүнө келгенде Жаузелканга төрт миң долларды берди да, - Эжеке, менин сизден башка урматтаар адамым жок, чын сырымды да сизге айтайын, ошол жактан үйлөнүп алгамын, жакында балалуу болобуз, - деди эле Жаузелкан аны көпкө тиктеп туруп калды.

- Үйлөнүп? - деди анан көптөн кийин.

- Ооба, эже, ошону айтайын деп келгемин, нарындык кыз, эгер силер каршы болбосоңор чакырам, келип калат.

- Ошондой болгон соң биротоло ала келбейт белең?

- Тартындым…

- Тартынба, элдей көп бир тууган эмеспиз, экөөбүз гана, телефондон баратам десең тосуп алат элек го?

- Камынганга акчасы барбы же жокпу деп ойлодум да, - Бекболот күлүп калды.

- Айбан десе, керек болсо, керней-сурнай менен тосуп алмакпыз да? - Жаузелкан инисин жылмая карады. - Чакыр анда, тезирээк кайра барып атама кеңешели.

Эртең менен экөө Дордойдон келинге ылайыктап бир сыйра кийим-кече алышты, анан Сейитке келишти. Кечээ эле кеткен уул-кызы көтөрүнчөк түшүрүп жатканын көргөн Сейит басып келди. Коробка толгон таттууларды киргизип, эки чоң сумканы көтөрүп алып киргенде:

- Бул эмне, той өткөрөбүзбү? - деди Сейит экөөнө карап жылмая.

- Ооба, - деп койду Жаузелкан. - Бекболотту үйлөнтөлү.

- Жакшы болбодубу, кечээ эле болбой жатпады беле?

- Макул болбой кайда бармак эле.

- Ырас кылдың, балам, муну менен тең балдар бир-экиден балалуу болуп калышты.

Ушул учурда баары кубанып жатышты. Туугандарын, тага-таежелерин чакырып коюшту.

Камиля чыдамсыздык менен Бекболоттун телефон чалышын күтүп жаткан. Бекболот Жаузелкандын машинасына отуруп алып, соткадан ага чалды:

- Камиля, сүйүнчү, белет ал дагы, бүрсүгүнү жолго чык!

- Болуптур, күтүп ал, мен бүгүн эле алам да эртең чыгам.

- Болду анда, көрүшкөнчө, сөзсүз тосуп алам, жалгыз эмес, сени эжемдер болуп тосуп алабыз.

- Кубанычтамын, Бекболот, ушул күндү кандай гана күтпөдүм беле?

- Айттым эле го, эч качан каршы болушпайт деп, жолугушканча кош, өзүңө сак бол!

- Сен дагы, - деп экөө кубанычтуу сүйлөшүп бүттү.

Ошол күнү Жаузелканды Замира күтүп жаткан. Дарбазанын жанына келип, курбусун көрүп, түшө калды.

- Кандай, Жаку?

- Жакшы, кайдан жүрөсүң?

- Сени издеп келдим, Эркинбек экөөбүз үйлөнгөнү жатабыз, сен сөзсүз болушуң керек, ал турсун күбө болосуң, туурабы?

- Сөзсүз да, курбума күбө болбогондочу, - деди Жаузелкан оюнда эч жамандык жок эле.

- Кеттик, тиги "Пикникте" күтүп жатат, - деди шашылган Замира.

Жанына отуруп алып, жол көрсөттү, ээн жолдон алыс суу жээгине салынган "Пикникке" келишкенде кечки саат сегиздер болуп калган. Кафеде үчөө көпкө отурушту.

- Эми бизди күткөн конокторго баралы, кана, Жаузелкан, жөнөдүкпү? - деди Эркинбек.

- Жөнөсө жөнөдүк, - деп рулга отуруп, жөнөгөндөн көп узабай эле:

- Азыр үнүңдү чыгарбай өйдө карай айда! - деп Эркинбек Жаузелканга бычак такап, орой үн катты.

- Замира, бул эмнеңер? - деди калчылдаган Жаузелкан.

- Оюн коюп жатат го, бул Эркинбектин сюрпризи, - деп Замира каткырып койду.

- Жап оозуңду, сага сүйлөгөнгө уруксаатты мен берем!

- Бул эмнеңер, менден эмне керек, жакшылыкка жамандык кылганыңар кантип болсун?

- Сүйлөбө деп жатам! - деп Эркинбек бычактын мизин кекиртегине жакындатты. Караңгы түшүп, айланада эч жан жок эле. Ээн талаага жеткенде, - Токтот машинаңды, - деди.

Машина токтогондо Замира Эркинбек экөөлөп тыбырчылаган Жаузелкандын буту-колун таңып коюп:

- Кана эми, байлыктын кайдан келип жатканын айт. Сен бул жерде болосуң, баягы дубалдагы сейфтин ачкычын бер бизге, - дешти.

- Кайдагы сейф, Замира, ал үйдү атам сатып алганда эле бар экен, ичин ачып көргөн киши жок, эмне бар экенин билбейм, - деди ыйламсыраган Жаузелкан иштин чоо-жайын, курбусунун арам оюн эми гана түшүнүп.

- Калп айтпа, машина алып, жалаң алтындарды тагынып, эч нерседен камың жок жашап жатасың, сенде чоң байлык бар. өлгүң келбесе баарын бизге айт, жан керек болсо, бир миллион таап бер, аман каласың.

- Андай акча жок менде, иним акча салып турчу, эми үйлөнгөнү жатат, баарын сарптап койдук.

- Демек ажалың жеткен экен, эчтекем жок дечи?

- Жок, эчтекем жок! - деп көгөрдү Жаузелкан.

- Үйүңдүн ачкычын бер!

- Мына, - деди Жаузелкан.

Ачкычты алган Эркинбек машинаны Замира экөө айдап, кайдадыр жөнөп кетти.

Жаузелкан эптеп бошонууга аракет кылган менен эч мүмкүн болбоду, кыйкырганга да оозун кетээрде скочтоп койгондуктан, зорго дем алып, колдорун бошотоюн деген аракети текке кетти. Саамга эстен тана түшүп, аппак кийинген апасы көз алдына тартылды: "Кызым, менин айтканымды аткарбадың, сен Сейит менен гана жашашың керек болчу. Ырас, баласы Бекболот келип калыптыр, сен эми ага тийгениң болбостур. Бол бачым, бираз аракеттенсең ылдыйыраакта дүмүр бар, ошого жетип колу-бутуңду бошот тезирээк, жанагы каничээр кайрылып келгиче", - деп көздөн кайым болду. Апасынын деми Жаузелканга күч берип, ал ынтыла бергенде ылдый көздөй бир-эки аласалып кетти да, катуу бирдемеге барып такалды. Апасы айткан дүмүрдүн урчугуна колу байланган жипти ыйкагылап жатып эптеп үзүп, анан оозундагы скочту жулуп таштап, өмүр деминен кере-кере дем алды. Жандын таттуулугун ошондо бир сезди белем. Анан арыдан бери бутундагы жипти чечти. Аңгыча тээ төмөнтүн машинанын жарыгы көрүндү. Жаузелкан жан далбастап бекинчү жер издеп, нарыдагы жар түбүнө баш калкалады. Өзүнө жини келип: "Демек мен өлөт экенмин да, Замира ушунчалык ичи тар экен да? Бир көңүл калган бойдон ага эмнеге жакындадым, кечиримдүү болоюн дебедимби, балдарым кантет, ойдогудай чоңойтуп, адам катарына кошоюн деген оюма жетпей каламбы?" деп үнсүз ыйлап жатты.

Машина жогорураак келип токтоду да, Эркинбек өзү менен бирге келген Замираны адегенде эле:

- Кылмышкерге айгактын кереги не? - деп туруп бычак менен ичке бир урду.

- Эркинбек, акмак экенсиң, мындай болоорун билгенде… - деп теңселе ичин баскан Замираны Эркинбек дагы эки жолу бычак менен сайды да, ал жыгылганда, Жаузелкандын денесин издей баштады. - Ушул эле жерге калтырбадым беле ал итти.. Эннеңди, тапсам эле кезек сеники! Ушунча убара болуп жатып эки миң гана доллар таптык, митаам катын, табыш керек аны, анда дагы болуш керек? - деп көпкө чейин ары-бери издегилеп жүрдү. Акыры "караңгы түндө кайдан табам" дедиби, кан болгон бычакты Замиранын колуна карматып, колундагы мээлейди чечти да, от жагып, күйгүзүп таштап, түн катып шаарды көздөй уруп жөнөдү.

Жаузелкан акырын эки жагын каранып, тигинин кетип калганына ишенип-ишенкиребей, анан тээ ылдыйда анда-санда машиналардын жарыгы көрүнө калып жаткан чоңжолду карай бет алып, жол боюндагы майкуйгучка жетти да, терезесин каккылап жатып, болгон окуяны шашыла айтып берди. Ал экөө ошол жерден тезжардам чакыртышып, милицияга да "адам өлдү" деп кабарлашты.. .

Ошол түнү үйдөгүлөр Жаузелканды күтүп отуруп кеч жатышкан. Таңга жуук милициянын машине дарбазанын алдыне келип токтогондо кирпик какпай күтүп жаткан Бекболот дароо сыртка чыга калды. Өң-алаттан кеткен эжесин көргөндө чуркап жетип колтугунан жөлөй үйгө алып кирди.

Түшкө жуук Сейитке келип, Жаузелканды ээрчитип милицияга барышты да, болгон ишти айтып, арыз жазышты. Аердегилер Жаузелкан менен Сейитти салып алышып, тезжардамга жетишти. Барышса Замиранын ата-энеси да келип калышыптыр ал жерге.

Оор абалда жаткан Замиранын үстүнө келгендерди киргизишпеди. Тергөөчү өзү жалгыз кирип, Замиранын айткандарын жазып жатты. Замира Жаузелканды жазгырууну Эркинбек экөө уюштурганын, анан үйдү талкалагандан кийин кайра барып Жаузелканды таппай калышканын, ал жерден Эркинбек аны бычактап салганын онтолоп жатып эптеп айтып берди да:

- Байке, Жаузелканды чакырып койсоңуз, суранам. Мен эми оңолбой калдым, ушу сизден акыркы өтүнүчүм, - деп жалбарды.

Тергөөчүнүн өтүнүчү менен медсестра араң макул болуп, сырттан Жаузелканды чакырып киришти.

- Курбум, мени кечирчи, мен оңолбой калдым окшойт. Мени көралбастык менен ачкөздүк азгырып туруп албадыбы, написимди такыр тыя албай койдум.. . Кечир мени, курбум.

Жаузелкан адам табиятынын бечаралыгын так ушул саам даана сезди. "Курбусунун" жалдырап айтканына жооп бербей эле койойун дейт, бирок тигинин аянычтуу көз карашынан тайсалдай:

- Мейли, курбум, сени кудай кечирсин, - деп койду ооз учунан.

Аңгыча Замиранын дем алышы оордоп, сестра далбастап калды. Жаузелкан менен тергөөчүнү сыртка чыгып турушун суранып, врачка чуркады. Экөө палатага шашылыш кирип кетип, көптөн кийин гана чыгышты да, Замиранын ата-энесине көңүл айтышты.. .

Жаузелкан Сейит экөө үйүнө барышты. Дубалдагы бузулган оюкту көрүшүп, эми ал тамды оңдоп-түздөп туруп сатып жиберип, Бекболотко деп башка жерден там сатып беришмек болду.

Үйгө келишип, Жаузелкан атасы Максат менен апасы Жибектин арбагына багыштап куран окутмай болду. Сейит каршы болгон жок, себеби маркум айалы анын да түшүнө көп кирчү болгон.

Кой сойулуп, эти казанга асылып жатканда сыртка бир такси келип токтоду. Дарбазадан чыга калган Бекболот кайра шашыла баш бакты да:

- Эже, келиниң келди, сүйүнчү! - деген бойдон таксиден жаңы түшүп келаткан Камиляга кучак жая утурлай басты.

Келген кошуна-колоң, байке-тайкелери ошол күнү эки койдун этине тойушуп, Максат менен Жибектин арбагын эскеришип, жаңы бүлөгө астейдил бата беришти.. .

- Мынакей, эже, менин таржымалым ушул, - деди Жаузелкан жайдары күлүп. - Баса, баягы базардан таанышкан Абди бар эмеспи, ал азыр менин чалым. Балабыз быйыл тогузга чыкты..

- Болсун-болсун! - дедим мен келиндин кубанычын чын жүрөктөн бөлүшүп.

Дагы бир азаптуу жандын бактысына ортоктош болгонума сүйүнүп турдум.. .

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз