Айгүл ШАРШЕН


"Жалгыз бой аял"


- Уулум, эми токтолсоң боло, аялыңдын боюнда бар, эптеп иштеп бакпасаң жашооңор кандай болот, менин өсөөрүм эмес өлөөрүм калды, - деп бир күнү эртең мененки чайда отурганда Үпөл уулуна кайрылды.

- Ээ, апа, мен эмес диплому барлар ишинен кыскарып жатканда мага каяктагы жумуш? - деп ороңдоп койду Калыбек.

- Эки агаңдын катар өлүп калганына кейийм, алардын балдары андан бетер кыйналышта жашап жатат, иштеп ошолорго деле жардам берсең болбойт беле. Малды сата берип аягына чыгып алмак болдук, пенсиям үчөөбүзгө жетпейт, жыл эт-аш көрбөй отуруп, келинди өлтүрүп албагай элек.

- Өлбөйт, эт жебегенде эмне… - Калыбек үңкүйө жер карап күңкүлдөдү. - Эчтеке болбойт, эт жегиси келсе, тагасына эркелесин!

- Ай, балам, аа-ай, кийинкиң кандай болоор экен, үйбүлөнү сыйлай албасаң, бакпасаң анан кантип адам болосуң деги? - деп Үпөл кейип-кепчип отуруп калды. Умсунай бир күнү коңшусунан карызга ун сурап келип, пирожки жасап, базарга алып чыгып, бат эле сатып келди. Кайра камыр жууруп, автобекетке барып кечке сатты. Бир аз акчасына ун, май картошка алды да, кайрадан эртеси пирожки сатып, бир аз кеңеле түштү. Келининин тыңдыгына ыраазы болгон эне ага от жагып берип, каралашып кечке жанында. Карызга алган унунан кутулуп, өзүнчө чыга баштады. Калыбек болсо, эчтеке менен иши жок, күндө тоюп келип жатып калат. Ал бир күнү Умсунай от жагып, пирожки бышырып жатса жанына келип:

- Сен эмне элди, эркектерди көргүң келип, аялдамага барып жүрөсүңбү? - деди.

- Эмнеге, пирожки сатып жатам.

- Ой, эн-неңди, пирожки сатам деген шылтооңду мен билбейт дейсиңби, эркектерге көрүнүү үчүн чыгып жатасың, экинчи чыкканыңды көрөйүн өлтүрүп салам! - деп басып кетти. Умсунай ыйлап отуруп калды, аны көргөн Үпөл жанына келип:

- Ошо курусун, акылдуу балдарым өлүп, акылсызы калды, муну мен эми акылына миң айткан менен келтире албайм, кагылайын, кызганып жатканы го, базарга мен алып чыгайын, сен даярдап эле бер, - деди келинин сооротуп. Эки келини өз-өзүнчө турчу, эки-үчтөн баласы бар, кичүү келини шаарга иштеп, күндө барып келет. Ага кошуп койойун дейт, уулунан коркот. Ошентип үч-төрт күн Үпөл өзү сатып жүрдү. Карыганда кайгыга батып турганы аз келгенсип, баласынын жашоону ойлобогону эненин зээнин кейитти. Кечкисин эптеп картошка кууруса неберелери келип жабылып жеп кетип калышат, ооздоруна тийбей унчукпай кала берет, аз оокаттын берекеси да болбойт эмеспи. Бир күнү Калыбек түн бир оокумда келди, эшикти ачып кирип эле аялын ойготту.

- Эмне болду? - деди Умсунай уйкулуу көзүн ушалай.

- Бери кел, - деп босогодон аттабай аны чакырды да, кайра чыгып кетти. Умсунай чыга келип, килейген мүшөктөгү этти көрүп таңгалды.

- Бул эмне, кайдан алып келдиң?

- Эт, көрбөй турасыңбы?

- Каяктан алып келдиң?

- Аны менен ишиң болбосун, эртең муну шаарга базарга алып барып, сатып келесиң, калганын азыр асып кой, эртең мененкиге чейин бышып калсын.

- Кантип көтөрүп бармак элем?

- Араба бар, - Калыбек күңкүлдөп койду. Умсунай андан кийин үндөгөн жок, айтканындай плитага этти асып койду да, жатып алды. Мезгил күз болгондуктан күн салкын эле, эрте туруп камыр жасады, пирожкиге деген картошкасынан кошуп, тамагын даярдап жатканда, Үпөл туруп:

- Ээ, айланайын, жаңы шорпонун жыты кайдан чыгып жатат? - деди Умсунайга карап.

- Апа, Калыбек түндө эт алып келди го?

- Эмне дейт, деңгене бекен?

- Билбейм.

- Сурабайсыңбы, өзү кайда жүрөт?

- Уктап жатат.

- Ийи, - деп койду эне, негедир көңүлү жайлана түшкөн сыяктанат: "Деңгене болсо керек, эми аны төлөгөнгө келгенде кантээр экенбиз, жеп алыш оңо-ой, мейли эмнеси болсо да кыйладан бери эт жебей калдык эле" деп бети-колун жууп келип, дасторконго отурду. Калыбек келип отураары менен:


- Апа, баягы кичине араба кайда? - деди Үпөлгө карап.

- Эмне кыласың?

- Умсунай базарга барат.

- Тамдын үстүндө турат, бу этти деңгенеге алдыңбы?

- Жок, таап келип бергенди жей бер да, - деп бурк этип койду Калыбек. Ошол бойдон эч кимиси үндөгөн жок, Умсунайга бир койдун этин арабага салып берди да, аялдамага жеткирип коюп, кайра келди, кечке үйдө жатты…

Калыбек тоо этектеп, күндө кечке маал чыгып, жайылып жүргөн койдон колуна тийгенин кармап, караңгылата союп, үйүнө алып келип жүрдү. Үпөл канчалык сураса да айтпайт, бир топ акча жыйналып калганда Умсунайга айтты:

- Сен эми базарга чык, күндө барып-келип иштесең, эч нерсе болбойт, мен эми экөөңдүн иште деген сөзүңөрдөн кутулдум.

- Ой, бала, ичи чоңоюп калды, кантип соода кылат ыя, сен жардам бер, отуруп туралбай калганда кыйналат, - Үпөл келинине боор тарта сүйлөдү.

- Анда өзүңөр билгиле, менин эт сатканымды көрбөшү керек, жоголгон малдарынын баарын мойнума жүктөсө, соттолуп кетишим мүмкүн, он кой уурдадым, - деп жер карап, үңүрөйдү Калыбек.

- Карангү-үн, эмне дейт кокуй, тынч жүрбөйт экенсиң го деги, анда эт сатпай эле соода кылсын.

- Иши кылса, ошол акчаны иштеткиле.

- Үйдөн чыкпа эми, балакет бас ай, балакет бас, ушундай экенин билгемин, карыганда тынчыраак өлүп, сенден топурак буйруса болот эле го, эки агаңдын балдары деле өп-чап жашап жатышат, ошолорго өбөк-жөлөк болсоң боло, - Үпөл кейип-кепчип отуруп калды.

- Эмне кыл дейсиңер анан жумуш болбосо, кайда барайын?

- Мейли эми, изи суугуча үйдөн чыкпа, Умсунай экөөбүз эптеп бир айласын табаарбыз, өлөөрүм калганда, арам эт жедирип, күнөөгө батырдың, балам, - деген эне унчукпай калды.

Умсунай өзү эптеп базарга чыгып, кийим-кече сатканга өттү. Сокулуктан келип-кетип иштеп жүрүп, ай-күнү жетип, уул төрөп алды. Дал ошол күнү дагы Калыбек бир козуну союп, баш-шыйрагын талаага таштап келип, апасына берди. Эшигинде көк күчүгү менен мышыгынан башка эчтекеси жок болгондуктан коңшусу аны аңдый баштады. Бирок иги-жиги билинбей күндөр өтө берди. Калыбек уулунун атын Марсел коюп, үйүнөн чыкпай калган, эт-ашы түгөнүп, бир күнү түндөсү дагы чыкты. Айылдын четиндеги короосу кенен бир үйдү ар дайым баамдап жүрчү, жазга маал болгондуктан, малы короодо эле жатчу. Ал үргөн иттерге колундагы нандан таштап коюп, бир аз үйүр алдырды да, шырп алдырбай короого кирип, ошол эле жерден бир чоң койду кармап, баш-шыйрагын таштап, ичин жарып ичегилерин алып коюп, түн катып жолго түштү. Келээри менен этти бузуп, ашканага туздап илди да, өзү казанга жарым койдун этин салып, плитага от жагып кирди. Ошентип, анда-мында тигил же бул айылдан мал жоголуп, ээлери какшап-каргап кала берчү болду. Умсунай экинчи кызын төрөдү. Баягыдан ирденип калышкан, ун-талканы кенен. Кызына Сейил деп ат коюп, эки баласы менен үйдө, Умсунай базарда. "Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" дегендей көптөн бери эч жакка чыкпай калган Калыбек бир күнү аялынын алып келген бир кил этине алымсынбай үңүрөңдөп кирди:

- Ой, ушу туурамжылап жасаган тамагыңдан күйдүм.

- Болгон соодага бүт эт алып алсам, калган күндү кантебиз, ушуга да шүгүр десең, карандай чай менен отурган жокпуз го? - деди Умсунай күйөөсүн жактыра бербей.

- Балам топук кылган жакшы, корооңдо коюң болбогондон кийин күнүмдүк оокатты таап жатканга тобоо дечи, - Үпөл ага нааразы боло сүйлөдү.

- Ушу силердики өттү, бирдеме десе эле баягыны баштайсыңар, кененирээк эле алып келсең болбойт беле?

- Күндө тапканым эки жүз сомго жетпесе, анан товарым артка кетпейби, ансыз деле алдыга жылбай, артка кетип жатат, кийим-кечени болсо ойлой элекпиз, болгону жеген-ичкенге кетип жатат го?

- Эмне кылсаңар ошо кылгыла! - деп дулдуя жатып алды. Ошонун эртеси жетимиштеги карыга эки жөжөдөй баланы таштап коюп, Умсунай кеткенден кийин Калыбек дагы үйдөн чыгып кетти.

Умсунай үйгө келсе, эки баланы караган эне абдан кыйналып калган экен, ысык тамак жасап берип, керээли кечке булганган балдарынын кийим-кечеси менен шымдарын, кайненесинин кирин түн бир оокумга чейин жууду. Ал күнү Калыбек келбеди. Жумушуна эртеси барбады. Эки күн бою келбеген күйөөсү үчүнчү түнү түн бир оокумда келди. Эки боо акча алып келди. Ал базарда соода кылгандарды аңдып жүрүп, крупный соода кылган бир аялдын кайда бараарын байкап туруп, ошол күнү күүгүм ченде анын артынан түшкөн. Ээн бактан өтчү жерге келгенде, артынан келип, келтек менен башка бир коюп жыгып, акчасын алып качкан эле. Эки-үч күн үйдө жатып, анан Умсунайды мал базарга жөнөттү, ал барып эки эчки, бир кой алып келди. Ошондон баштап, эшигине мал күткөн болду. Үпөл:

- Балам, арам оокат аш болчу эмес эле, акыры бир күнү чыгып жүрбөсүн? - деди кейий.

- Арам оокат кылып жатканыбызды ким билип коюптур, элдей жашаганга аракет кылсам да жакпаймбы? - деп корс этип койду уулу.

- Ушунуңду токтотсоңчу, балдар эмеле чоңойсо, сенин кылганыңды кылып жүрбөсүн, балага тарбия берчүдөй ишиң болбосо жашаганың кайсы?

- Мага акыл үйрөтпөгүлөчү, кандай жашашты өзүм да жакшы билем.

- Этиет бол, балам, андан көрө тоок баксаңар жумурткасы менен эти жегенге жарабайбы?

- Эми бир уй алам, анан баарын таштайм.

- Кой, балам, мындан ары тынч жүр, кудай деп оокатыңды өткөр, Умсунайдын тыңдыгынан оокат кылып жатасың.

- Мен эмне келесоо бекенмин? - Калыбек жиндене кетти.

- Сени келесоо дебейм, адатыңды ташта, - деп эне кейип отурганда, улуу келини Венера келип калды. - Кел, балам, балдарды ала келдиңби?

- Келдим, апа, үйдө ун жок, эки күндөн бери кыйналдык же соода жасабай, ага да акча керек экен.

- Эмне кылайын эми, пенсиям өзүбүздөн чыкпайт, Умсунай базарга чыкпаса, биз да кыйналмакпыз.

- Жеңе, ун бар алып кетиңиз, - деп Умсунай абысынына тамак куюп сунду. - Бир аз акча берейин манты жасап чыкпайсызбы?

- Жакшы болот эле же балдардын пособиясы жок, атасынын айлыгынын жогунан пенсиясы жок, жаман болуп кеттик.

- Ошенткиле, айланайын, ынтымактуу болгула, - деген Үпөл келиндерине карап, ыраазы болуп турду. - Тиги Айым кайда жүрөт, алар жакшы эле жүрүшөбү деги, көптөн бери балдар да келбей калды.

- Ал соодага көнүп кетти го, балдарын алып, Ош базарына жакын батирге кирип алган, - деп Венера жооп бере салды.

- Өз оокаттарын кылса болду, неберелеримди жанымда эле болсо дейм, айла канча? - Оор үшкүрүнүп алды эне. Венерага Умсунай беш жүз сом берип, үйдөн чыгарып, кайра киргенде Калыбек үңүрөйө карады.

- Эмне акчаң көппү, өзүңдү-өзүң билип калдыңбы?

- Эмне болду?

- Эмне болду деп койот, жаны болсо кыймылдасын, балдарын бизге милдет кылабы, берешен болуп кеткенин.

- Балам, алар дагы сенин бир туугандарың, Умсунайга рахмат, сен үчүн ошого берип жатат, башка бирөөгө бердиби?

- Менин ашыкча байлыгым болбосо, бир тууганыма эмнени бермек элем, боорукерликтин да чеги болот, келиниң эгер бар болсо, сага да бермек эмес, мен билем го?

- Кой, айланайын, бар болсо, бири-бириңе жардам бергениңер жакшы, алардын атасын да мен төрөгөм, каралдыларым удаа-удаа кете беришти, жок дегенде оорусунун дабасы табылсачы, - Үпөл кейип көз жашын сүртүп алды. Эч кимиси унчукпай калышты. Калыбекти базарга чык десе ага болбоду, же үй-жайынын тегерегин тазалап, короо-жайын оңдогонго жарабайт, кечке үйдө уктагандан башка пайдасы жок. Тамаксыз бир күн да чыдабайт, өзү билип Умсунай алып келип койгон картошка менен бир аз этин кууруп эле жеп койот. Умсунай өзү көп сүйлөбөгөн келин, ата-энеси жогунан таажеңесинин үйүнө баргандан коркуп, эптеп балдарын чоңойто берсе, баарын жеңип чыгаарын ойлонот да, кээде көз жашын сыгып алып, өз ишине киришет. Бир күнү үйгө келсе, Калыбек үч досу менен арак ичип отуруптур. Умсунай унчукпай кирип кетээрде бири:

- Каке, аяш менен тааныштырбайсыңбы? - деп калды кызуу неме мылжыя күлүп.

- Эмне силердин аялыңарды мен тааныштыр деп жатамбы, алдыңардагыны ичкиле да ишке киришели, - деп Калыбек ороңдой жооп бергенде бири:

- Туура, кереги жок, биз Каке менен теңтушпуз, бирге иш жасайлы деп жатабыз, аялдарды ортого албаш керек, - деп закуска сугунду.

- Эмнеге, теңтуштар деген бирге аял-балдары менен тааныш-билиш болушат, керек болсо катышышат, же биз андай достордон эмеспизби? - деп мурункусу эңирейе тизесин таянды. - Мен ойлоп жүрбөйүнбү биз кан досторбуз деп, канчадан бери таанышпыз. - Таарына кетти.

- Бир күн келет, дос, балдар чоңойсо, анан таанышабыз, катышабыз, - деп экөө сүйлөшүп жатты, Калыбек унчуккан жок, ордунан турду да:

- Кеттик, - деп жол баштап, короосунан чыга жөнөдү, кайда бараарын өздөрү билбесе, үйбүлөсүнө белгисиз эле. Анын баскан-турганынан түңүлүп калган эне келинине айтпаган менен түнү бою кирпик какпай чыкты: "Курган балам ай, эмгек кылганды билбей, оңой оокатка көнүп алып, акыры бир күнү тузакка түшөсүң го, түрмөнү өмүр бою өз үйүңдөй көрүп, жашоонун кызыгын көрбөй өтөсүң го?" деп улам алмак-салмак зырп эткен эмчегин кармап коюп, таң заарда сыртка чыкты. Жашы өтүп калганда ансыз дагы уйку качып калат эмеспи. Жуунуп алып үйгө кирди:

- Кудай, сактай гөр, айланайын, жаштык-мастык кылып кетирген күнөөлөрүн кечире көр, - деп күбүрөнүп алды.

- Апа, мен базарга барбай эле койойунбу? - деп Умсунай кайненесине чай берип отуруп кайрылды.

- Бара бер, садага, өзүм эле карай берем, чоңоюп калышпадыбы.

- Мейли анда, эртерээк келем да.

- Ошент, балам, соода кылбасаң балдарың ачка калбайбы? - деп эне улутунуп алды. Келгенине беш жылдай болсо да, өйдө карабаган келинине ыраазы, күйөөсүнө бир ооз: "Кайда жүрдүң, эмне кылып жүрөсүң, балдарды бакпай жүрө бересиңби?" деп сүйлөп да койбогонуна кээде таң калып кетет. "Кокус урушуп, баскан-турганын тергеп, аялдай болуп, ажылдап турса, басканын койот беле?" деп да ойлонот. Бирок Калыбегинин сырын билет, бала кезинен сөзгө кулак салбайт, өз билгенин жасайт. Калыбек бир жума жоголуп жүрүп, түн катып келди, жанында Каныбек менен Сапар досу бар, көтөрүнгөнүн үйгө киргизди да, Умсунайды ойготту.

- Тур, куурдак жаса, достор келди.

- Эртең менен эле жасайынбы?

- Азыр жаса, түн катып ойноп жүрөт дейсиңби, мына сага акча, жарты койдун этин алып келдим.

- Азыр, - Умсунай аргасыз туруп, колуна берген этти туурап, түн ичинде плитаны сайды да куурдак жасады, алдыларына дасторкон жайып, чайын берди.

- Ой, атта-а, Куке, сен опутный экенсиң эй, биздин балдар да май чайнап оңуп калышты, - деди Сапар арак куюп жатып.

- Кукем башынан иштин иги-жигин билгизбей жасайт, ушул жортуулубуз жакшы болду, кийинкиде Нарынга барабыз, күндүзү жайылган койлордон союп алып туруп, бирден жылкыны минип чыгып кетсек, байып эле жатып калабыз да, - деп Каныбек бакылдады.

- Болду, оозуңардан жел чыкпасын, минтип бакылдай берсеңер, бат эле шардана кыласыңар, - Калыбек аларды тыя сүйлөдү. - Азыр бир көзүң, бир көзүңө жоо, керек болсо, койнуңдагы катының душман болуп чыга келет.

- Какемдин акылы туура, - дешип унчукпай калышты. Көпкө отуруп, арак ичип, мас болуп калганда таң агарып калган, жаткан жерлерине уктап калышты. Умсунай базарга чыкпай акчаны санаса, он миң экен. "Бул акчаны кайдан алып жүрөт, кудай уруп кармалып калса, балдарым менен кантем" деп ойлоп алып келген этти туздап илип, анан балдарынын кийимдерин жууп, күйөөсүнүн ойгонушун күтүп калды. Алар ойгоноору менен Калыбек:

- Бирдекең барбы? - деди кабак-кашын тырыштыра.

- Тамак даяр.

- Эң сонун, бизге бир бөтөлкө арак алып келе кал, баш жазып алып, анан өз ишибизди кылалы.

- Аракты ичпей койсоңор болбойбу?

- Көп сүйлөбөй, алып кел, - деди эле, Умсунай унчукпай эшикке чыгып баратканда Калыбек кошо чыгып, - акчаны бекем кат, баарына мал алам, короону оңдоп, адамча жашайбыз. Көрөсүң ошондо мени, сени базарга чыгарбай, үйдө отургузуп багам, - деди.

- Макул.

- Тез кел, эми бир көздөгөн жерге барып, олжолуу кайтсак, андан кийин эч кайда барбайм, - деп ичкери кирип кетти.

Үчөө бир бөтөлкөнү бөлө тартып алып, анан чыгып кетишти. Үн дебеген Умсунайды карап, Үпөл наалып кирди:

- Ыя, балам, эр дегенди баспа-турба деп айтат аял деген, сен ооз ачпайсың, жок дегенде каякка барасың деп сурап да койбойсуң, өз билгенин ал кылбаганда мен кыламбы, кокуй.

- Апа, жашоону өзү көрүп-билип жатат, мен айтканда балаңыз кеп угабы, же кайра өзүмө муш көтөрөбү, нары жагында болсо, өзү билсе болмок.

- Ошентсе да, аял тызылдап турса, эркек басканын койот, ушинтип жүрүп башка аялга кетип калса да, унчукпай кала бересиңби?

- Ой, апа, баары бир эмеспи, андан көрө кылмыштары билинип калбаса болду, билинбей калды деп, күчөтүп жүрүп, жаман жагына ообосо экен.

- Капырай, ошону сен айтпайсыңбы?

- Бир-эки жолу айттым, түшүнбөдү эмне кылайын?

- Карангүн ай, эшикке чыгып да, элдин жүзүн кароодон айбыкчу болдум, баарын көрүп-билип тургандай өзүмдү күнөөлөй берем, өлөөрүмдө жамандыгын көрбөсөм экен, тынч гана бейкут жашап калганын көрүп өлсөм кана?

- Кейий бербеңиз, өз пешенесинен көрсүн.

- Опээй ой, келин, ал эмне дегениң?

- Мен ага тынч жаша, эки балабыз турат, чоңойгончо балдардын камын көрөлү, базарга экөөлөп чыксак, эмгегибиз деле өлтүрбөйт деп эчен айттым, уккусу да келген жок.

- Ошондой, бул бала башынан ошондой, кеп укпайт, өз билгенин жасаган адаты, - деген эне мелтирей отуруп калды.

Калыбек, Сапар, Каныбек үчөө тоолуу райондорго жөнөштү, бир мылтыгы бар, кийик уулаган болуп, жайлоого чыгып, эки жакты байкашып, бир топ күн жүрүштү. Күн ысык болгондуктан, күндүзү чөп алачык жасап, кечке жатып, мерчемдүү убакты күтүшүүдө. Ошол күнү төргө бир үйүр жылкыны айдап, жаш жигит келди. Ал жылкыны айдап коюп, үчөөнө карай бастырып келди.

- Ассалоому Алейкум!

- Ал-леки Салам.

- Кайдан жүрөсүздөр?

- Кийик уулап жүрөбүз, үкө, анан дагы жайлоонун сонун убагы экен кызыгып, кете албай жатабыз.

- Жакшы, кийик бул жакта болбойт, мынабы тоонун артына барсаңыздар, андан ары кокту өрдөп барганда, Каначу деген жерде кийиктин мекени бар.

- Азамат, бул жерди жакшы билет окшойсуң?

- Койон жатагына чейин билем, өзүм ушул жерлик болуп туруп билбесем анан.

- Азамат, мындан ары бара берсек табабызбы?

- Кечке жетип каласыздар, үңкүр бар, ошого коркпой эле түнөй берсеңиздер болот. Бирок кечкисин этиет болуңуздар, жез тумшук деген бар дешет, мен көргөн эмесмин, жолуңуздар болсун, - деп атын темине жөнөй берди жигит.

- Оой, бул айтканы чын болсо, жез тумшукка жем болбой бир амалды кылып, эптеп дабан ашып кетип калалы, - деп Сапар күлүп калды.

- Ырас эле, оокат табабыз деп жүрүп, ээн жерде, ит-кушка жем болбойлу.

- Коркпогула, бүгүн түнү бул жерден чыгып кетебиз, - Калыбек ойлуу экөөнү карады. - Бекем болгула, кечке маал акырын бирден жылкыны минип чыгып кетсек, кудайдын бергени, жолдон жолуккан адамга түз-шар жооп бергиле, бир сөзүңөрдөн жаңылсаңар кармалып калабыз.

- Кудай сактап, Камбар ата колдосун.

- Ушу жолу аман-эсен өтүп кетсек болду.

- Буйруса көңүл ток, иш жайында болот, мындан ары бул ишти таштап, жай турмуш кечириш керек, мен да тажадым, жаныңды оозуңа тиштеп, катуу чыккан үндөн жүрөк болк этип жүрүп чарчадым, - Калыбек экөөнө маанилүү сөз айтчудай карады. - Тилиңерди тишиңерге катып жүрө турган болгула, кокус ичип алганда оозуңардан жел чыкса таарынбагыла.

- Жок-жок, жел чыкпайт, балдарыбызды кубантып, акча таап жатып, анан өзүбүздү жарыя кылмак белек.

- Шаарга баргандан кийин көпкө чейин бири-бирибизди тааныбагандай болуп жүрүшүбүз керек.

Үчөө акырындап сүйлөшүп, чөп алачыкта көпкө жатышты. Ала келген тамак-ашы менен бөтөлкөлөрү түгөнгөн. Кеч күүгүмдө өйдөлөп барып, коктуда жайылып жүргөн жылкылардан үчөө үчтү жайдак минди да, жөнөп кетишти. Таңга маал Базар-Коргондогу мал базарга келип, үрөң-бараңда айткан бааларына берип ийип, изин суутканга жетишишти. Элүү миң, элүү беш миңге барчу жылкыларды отуз беш миңден өткөрүп ийип, Бишкекти көздөй созушкан үч дос өз-өз үйүнө бөлүнүштү. Түш оой үйүнө келген Калыбекти Үпөл көрүп:

- Ийе, айланайын, кайда жүрдүң, катын-бала бар эле дебей жүрө бергениң эмнең? - деди.

- Ээ, апа, ошолорду багайын деп жүрөм да, - деп апасынын мойнунан кучактап, бетинен өөп койду. - Ачка-ток болуп, жөө жалаңдап, тоо аралап жүрүп иштеп келдим, мына отуз миң сом алып келдим, короо-жайды оңдоп, беш-он жандык күтүп алалы, өрдөк-тоок багамын, апа.

- Кагылайын десе, ошентип жашооңорду оңдобосоңор болбойт, мен болсо бышкан алмадай болуп, шагыман үзүлүп түшө турган болуп турам, келин болсо кудай момун, уул-кызың чоңоюп баратат, - деп эмшеңдеп, эрээркей кубанычтан көз жашы кылып алды. Умсунай келгенден кийин колуна акчаны берди.

- Эми экөөбүз башкача бизнес кылалы, мен оптом картошка алайын, тез-тез өткөрсөк, акчаны акча табат.

- Макул, ошентпесек болбойт, балдарды апам карай берет, кийин крупный соодага өтүп алабыз ээ? - Умсунай кубана күйөөсүнө кайрылды. - Үйдү оңдоп алабыз.

- Менин да ойлогонум ошол, апам дагы карып баратат, - деп кеңешип-таңашып отурушту. Жок болсо бере алгыс, бар болсо көрө алгыс туугандары бар, Калыбектин түрмөгө отуруп келгенинен улам жаман көрүшчү. Кез-кез гана жамандык, жакшылыкта каттабаса алыс эле. Калыбек ошол тапканы менен эле тынчып калгысы келбеди, үйүн оңдоп, тоок-үндүк алып келип, он чакты жандык кылып алгандан кийин өзүнчө ойлонуп жатты: "Изи сууду, эми дагы эки жылкынын акчасы болсо, баары ордуна келет эле. Эми Нарынга барыш керек, Сапарларды ээрчитпей эле койсом бекен, эгер ушул жолу жолум болсо, анда токтотом да тынч жашайм" деп өзүнчө бир ойго токтой албай турду. Анан бир күнү чыгып барып, Садырга жолугуп калды, ал экөө түрмөдө бирге отурган. Калыбек эрте бошонуп, ал калып калып, ошол бойдон жолугуша элек болчу. Экөө жолугушканын белгилеп, бир бөтөлкөнү алды да, бак ичине барып көпкө сүйлөшүп отурушту.

- Каке, келгениме эки гана ай болду, жумуш жок, аялым болсо кетип калыптыр.

- Жаман болуптур, барып көрбөйт белең анан.

- Келбейт, балдарды төркүнүнө таштап, күйөөгө тийип кетиптир, ушинтип жалгыз калдым.

- Эч капаланба, Саке, экөөбүз бир иш кылабыз, сен менин айтканымдай болсоң, акчага маарыйсың, жашооң да оңолот, - деп далыга таптай Садырдын көңүлүн көтөрмөк болду.

- Жашоом жакшыраар иш болсо, эмнеге айтканыңды кылбайм, өл десең, өлөм да, - деп күлүп калды.

- Ээ, дос, мен да үйбүлө багам деп баягы ишимди уланта коюп жүрөм, анан эмне кылам, жумуш болбосо, элдин көбү шылуундук менен соодага киришти, ал үчүн акча керек экен, анан аргасыз колумдан келгенин жасап жатам.

- Капаланба, Каке, окуган окуусу барлар деле ишсиз калып жатат, ага караганда экөөбүз эмне, тамак таап жешибиз керек да, - деди Садыр досуна. Алар кайра-кайра арак алып келип, ичип отуруп, мас болуп калышты. Калыбек ал күнү үйүнө келбеди, эртеси дагы келген жок. Үч күн ичип жүрүп, акыры мушташып кетип, бирөөнү бөтөлкө менен башка чапкан экен, ал ошол эле жерден өлүп калыптыр, ошентип ал уурулук эмес, киши өлтүргөндүгү үчүн түрмөгө отуруп калды. Дагы жакшы чогуу ичкендердин ичинен Садырдын тактамасы бир топ жеңилдик берди. Өлгөн адамдын эч кимиси жок, жер төлөөдө жашаган адам болгондуктан гана дагы аны менен бирге жашагандар тастыктап, алты жылга соттолду. Үпөл ыйлап-сыктап кала берди. Умсунай шымаланып ишке киришти. Күндүзү базарда, кечкисин келип, кир-когун жууп, тамак-ашын жасап кыйналып баратты. Үпөл кайгыдан ооруп калды, эки абысыны келип кабар да албады, өзү жалгыз кээде базарга чыкса, кээде чыкпай калып жүрдү.

- Балам, - деди бир күнү Үпөл Умсунайга карап, - мени караба, балам, эптеп эки балага карап турам, өлбөйм-этпейм, сен базарыңдан калба, антпесек артка кетип, өзүң кыйналасың, дары-дармекке дагы бир топ кетип жатат.

- Апа, бул акыбалда балдарды карай албайсыз, кудай сактасын, сизди ооруканага алып барайын, болбосо кыйналасыз.

- Кой, айланайын, мен кыйналбайм, кайгынын эле оорусу, эми ойлонбой эле койойун, курган баланы кой деп, сөзгө келтире албадык, кантейин эми, - деп эне жашый түшүп отуруп калды.

- Тил алыңыз, он чакты күн жатсаңыз сакайып кетесиз, врач ошентип айтпадыбы? - Умсунай кайненесин көндүрүүгө аракеттенди эле ал болбоду. Эптеп кирип чыгат, дабагер берген дарыларды ичип, дагы балдарды карап жатты. Бирок карыган неме акыры төшөк тартып жатып калды, Умсунай абысынына өзү барды бир күнү. Венера Калыбектин соттолгонун билбедиби же атайын билгиси келбедиби барган эмес. Умсунай аныкына келгенде ал үйүндө болчу.

- Кел, Умсунай, - деди көрүп эле.

- Жеңе, келип калдым, үй жакка барбай койдуңар.

- Барганга кол бошобойт, базарга чыгып жатам, эптеп келип эле, кайра эртеңкинин камын көрмөй, анан кантип барам, булар болсо, үйдөн жардам берип, керээли кечке тытынып жатабыз.

- Ооба, антпесе жашоо оңой болбой калбадыбы? - Умсунай улутуна отура кетти.

- Өзүңөр кандай анан, апам тың элеби, күйөөң иштеп жатабы? - деп Венера ага чай куюп жатып кайрылды.

- Уккан жок белеңиз, Калыбектин он-он беш күн мурун соту болду, апам төшөктө жатат, балдардын бирин жөнөтөсүзбү деп сизге келгем.

- Эмнеге соттолду?

- Киши өлтүрүптүр, бомждор менен отуруп арак ичет, анан уруша кеткен го…

- Дегеле ушул күйөөңдүн адам болооруна мурун эле көзүм жетчү эмес, аягы сай таппай жоголот го дечү элем, дагы жакшы сен ага тийип балалуу кылып, адам кылып койдуң эле, ошол бактысын көтөрө алган эмес экен го? - деди Венера ойлуу. - Аныңды аябай жек көрчүмүн, Умсунай, агасы өлгөндөн бир айга жетпей мага келип алып, "Агасы өлсө, иниси алат жеңесин, кыркынан кийин нике кыйдырам, сен мага тийишиң керек" дегенинен үйдөн кууп чыккам.

- Апам укту беле? - Умсунай таңгала абысынына карады.

- Ооба, мен айттым, ал эмне кылсын, баласын урушуп, тилдеп үйүнө алып кеткен, менин көп барбаганым ошол, сени алып бергенден кийин гана унчукпай калды, апам байкуш сага сүйлөшүп, эптеп алып бербегенде, аны мен соттотот болчумун, - деди Венера.

- Билбейм, менин эки балам турат, ата-энем жогунан жашап калайын деп жүрбөйүнбү, жаман болсо да, балдарымдын атасы да, жеңе.

- Туура, балдарың турганда кайда барат элең, мен сенин көңүлүң, кайненем үчүн Бакытбекти жөнөтөйүн.

- Рахмат, жеңе, антпесең мага эле кыйын болду, оорулууну карап, кайра балдар менен, же базарга чыгалбай калдым, - Умсунай кубана ордунан турду.

- Кыз бала болгондо болмок, эптеп каралашаар.

- Каралашпай анан, ушундай бирөөгө зар болуп отурбайбызбы, менин Марселим зорго үчкө чыкты болбосо, кол арага жарап калганда, кыйналбайт элем го? - деп он-он эки жашар Бакытбекти ээрчитип жолго түштү.

Ал келсе, эки баласы эки жерде уктап жатат. Үпөл онтолоп жатыптыр, Умсунай караса, эти от менен жалын болуп калыптыр, коркуп балдарын төшөккө жаткырды да:

- Апа, мен врач чакырып келейин, сиз Бакытбек менен туруп туруңуз, - деди эңкейе.

- Садага болоюн, Бакытым келдиби, доктурду жөн кой, жанагы дарыңдан берчи андан көрө, - деди онтолой Үпөл эне.

- Азыр, апа, дары берем, бирок баары бир көрсөтпөсөм болбойт, - Умсунай кайненесине өнтөлөй дары-дармек ичирип, андан кийин ысык чай берди, эки жагын кымтылап коюп, эки-үч көчө арыда жашаган доктурду чакырып келди. Күн кечтеп бараткан, доктур Гуля келип, көрүп эле:

- Сиз ооруканага жатпасаңыз болбойт, өпкөңүзгө суук тийген го, анализдериңизди тапшыргандан кийин такталат, мен азыр укол сайып кетем, эртең барып, ооруканага жатасыз, - деди.

- Ийе, айланайын, ушу жашымда, жанымды сактаганча доктуруңа жатпай эле койойунчу, дары ичип эле жашай берейин, - деди алсыз Үпөл.

- Жо-ок, бир күн үйүңүзгө калууга болбойт, мен сизге направление жазып бердим, туура эле ооруканага жатасыз.

- Олда-а, кудай ай, үйдөн эле сакайып же ары карап кетсем жакшы эмес беле, эми эчкинин жашындай жашым калганда, этимди тештирип, ооруканага жаткым келбей жатпайбы, кызым.

- Апа, жатып айыгып чыксаңыз жакшы эмеспи, эгер сиз бирдеме болсоңуз эки бала менен мен кантем, сиз бизге абдан керексиз, сакайып кетесиз, - деп жылмая карады Умсунай. Гуля кетип баратып:

- Этиет кыл, бу кишинин өпкөсүндө бар экен, эртең сөзсүз жаткыр ооруканага, - деди.

- Макул, эже, өзүм алып барам, сизге рахмат, убара болуп келгениңизге, муну чай ичип коюңуз, - деп чөнтөгүнө эки жүз сом салды.

- Кереги жок, бул менин милдетим эмеспи, оорулууларды көрүп, дартына жараша дары-дармек берүү милдетибиз, - деди да Гуля чөнтөгүнө колун сала басып кетти.

Эртеси Үпөлдү ооруканага алып барып жаткызып келди, жаткандан бир жума өтпөй Үпөлдүн кургак учук экени дайын болду, болгондо да ачык түрү. Муну уккан Венера Бакытбекти келип алып кетип калды. Ошентип, эки баласы менен абдан кыйналды. Бирок карды ток, кийими бүтүн, болгону бекер отуруп, болгон акчасын жок кылып алуудан коркуп жатты, кайненесинин дары-дармегине кетет. Үпөл оңолуунун ордуна алы-шайы кетип, начарлап баратты. Калыбекке кээде жолугушууга чакырганда, бара албай калчу болду. Алты ай дегенде барды, эки баласын алып алган.

- Апам катуу ооруп жатат, - деди Умсунай ага.

- Апам менин эле азабымдан ооруп жатат, жакшылап кара, Умсунай, эптеп бошонуп чыксам силер айткандай болом, - деп Калыбек башын жерге сала күңгүрөндү.

- Жакшылап карап жаткамын, азыр абалы өтө оор, кургак учук экен, балдарга жугуп калышы мүмкүн экен, жакында үйгө алып келсем, сага келе албайм.

- Апамды карасаң болду, менин денсоолугум жакшы эмеспи, бошонгуча чыдайм, балдарды чоңойто бер, кыйналсаң да чыда, - деп балдарын алмак-салмак өөп, коштошту Калыбек.

Умсунай уул-кызын жетелеп, андан чыгып үйүнө келсе, коңшулары менен абысындары кайдан жайдан пайда болуп калыптыр. Ошентип, Үпөл да бул жарыкчылыктын тартуулаган энчисинен тойгондой сунала өз сапарын улап, тиги дүйнөгө узаган экен. Өлгөндүн жазасы көмгөн деп, тирүүсүндө кабар албаган төркүндөрү менен туугандары чогулуп келип, акыркы сапарга узатышты. Калыбек апасына топурак сала албады. Умсунай ушинтип, эки баласы менен жалгыз калды. Балдары өтө жаш. Абысындары ага балдарын жөнөтпөй койду. Тагасына барды эле, балдарын карап бермек болду. Бирок бир ай чыдады да, Умсунай: "Мен көргөн күндү балдарыма көргөзгөнүм болбойт, мен го жетим болдум, кой, балдарым өз жанымда болсун" деген ойдо кайра алып келип алды. Эптеп күн өткөрүп, Калыбек келгенче чыдамак болду. Коңшусуна дайындап коюп, бир маал базарга пирожки алып чыгып турду. Ошентип арадан беш жыл өтүп кетти, Калыбектин келээрине аз калган эле, уулу чоңоюп, экинчи класс болуп калган. Калыбектин өлгөнү жөнүндө кабар алды. Көрсө ал баргандан эле бирөө менен мамилеси жаман болуп, кийин экөө мушташа кетип, Калыбекти лом менен чаап коюптур. Ошентип Умсунай биротоло жалгыз калды. Марселди окууга жөнөтпөй, кызы экөөнү үйгө коюп, базарга чыгып алды. Күндөр өтө берди. Уул-кызы күн өткөн сайын чоңоюп баратты. Ошол эле айылда бир адам бар эле, өзү алтымыштардагы неме. Ал Умсунайды көрсө эле ар нерсени шылтоолоп сөз айтып калчу болду. Эч нерсеге көңүл бурбай жалаң оокатым өтүп, балдарымды тарбиялап өстүрүп алсам дегенде эки көзү төрт болгон келин анын сөзүн уккусу келбеди. Андан башка деле бойдок эркектер жүдөтүп жаткан. Өзүн эркекмин деген эркектерден боюн ала качып, убакыт созулуп бир топ жыл өттү, кызы он алтыга чыгып калды. Сейил узун бойлуу, кара көз кыз, бат эле көзгө көрүнүп, мектепти бүтүп-бүтө электе ала качып кетишти. Марсел апасына жардам берип, тапканын алып келип колуна салат. Умсунай көбүнчө үйдө жалгыз калат, уулу жумуш иштеп, кээде гана үйдө болбосо, көбүнчө талаада. Бир жолу кечке маал базардан келе жатса Ажыбек алдынан чыгып калды.

- Ой, келинчек кандай, жакшы жүрөсүңбү? - деди ал кыйды көз карашын агытып, Умсунайга кол суна.

- Кудайга шүгүр, - Умсунай кол бербей өтүп кетмек болгондо билектен алды.

- Ушинтип жүрүп, жашоодон арманда өтүп кетесиң го, тил алсаңчы, менин сага көзүм түшүп жүргөнүн өзүң билесиң да.

- Тамашаны башка бирөөгө айтыңыз, мен сиздин теңиңиз эмесмин, жашыңызды билбейсизби? - Ачуулана ага кайрылды Умсунай. - Уят деген барбы деги?

- Жүрөк жаш да, Умсунай, чынында аялымдын оорусуна байланыштуу жарай албай калганы мени келин-кесекке сүйлөөгө түрткү болуп отурат, анан эркек киши кантип чыдамак эле? - Ажыбек калп күлүмүш болду.

- Аялыңыз менен да, өзүңүз менен да ишим жок, барыңыз, экинчи жолумдан чыкчу болбоңуз! - деди да колун кага жөнөгөндө:

- Аял менен эркектин бир гана жыргалы бар, кудайдын берген энчисинен кур калбасаң болмок, макул дагы ойлонуп көрөөрсүң! - деп кала берди.

- То-оба, ушундай дагы адам болот экен да, улуу баласындай болуп турган мага, кайсы бети менен сүйлөйт деги? - Умсунай сүйлөнө үйүнө кирди. Ал келсе, үйүндө Сейил күйөөсү Азат экөө күтүп жаткан экен. Эне эмеспи, кызынын күйөөсүн теңсинбей жүргөнүн байкачу, бүгүн дагы экөө акыйлашып турган экен.

- Апа, кандай жүрөсүз? - деп Азат сылык-сыпаа учурашып калды.

- Жакшы, айланайын, качан келдиңер эле, көпкө күтүп калган жоксуңарбы? - Умсунай кыз-күйөөсү менен учурашып, үйүн ачып, ичкери киргизди. - Куда-кудагыйлар аман-эсен, күүлүү-күчтүү жүрүшөбү?

- Жакшы эле, сизге салам айтышты, - Азат шыпылдай жооп берип жатты, Сейил дулдуя унчукпай отуруп алды.

- Кызым, сага эмне болду? - Умсунай Сейилге кайрылды.

- Эчтеке, - бурк эте жооп кылды, Азат күнөөлүүдөй башын жерге салды.

- Эмне болду эми, ачык айтпайсыңбы, кызым, Азат капа кылдыбы же дагы бирдеме болдубу?

- Эмне болуш керек эле, качан эле бирдеме болгондо гана келишим керек беле? - Оройлоно ордунан турду. - Мен Азат менен жашабайм дегем качан эле, сен кылдың ушунун баарын, болбосо, ал жерге отурбайт болчумун! - Сейил ыйлап кирди.

- Жашабай жатып сенин азабың өттү, мына төрөгөнү турасың, сен дагы эне болосуң, ошондо түшүнөсүң мени, - Умсунай өз кызына ичинен нааразы болуп: "Экөөңөрдү кандай гана азап менен чоңойттум эле, мээнет тартып, дөөлөтүн көрөөрүмдө жүрөк үшүткөн сөздөрү мага катуу тийчү болду" деп ойлоно түштү.

- Апа, мен Сейилге эч нерсе дебейм, атам менен апам болсо, кызындай эле көрөт, өзү эле жашабайм дейт, эмне кылаарымды да билбей калдым, - деди Азат жер карап күңкүлдөй. - Мейли жашагысы келбесе, биерде кала турсун, ойлонуп көрөөр, - деп ордунан турду.

- Отур, балам, Сейил экөөңөр бүгүн биерде болуп, эртең чогуу кетесиңер! - деди Умсунай өктөм.

- Мен эч жакка кетпейм!

- Кетесиң, болбосо каалаган жагыңа кет, мен сенин күйөөдөн чыкканыңды каалабайм, - деп Умсунай да өз сөзүнө басым жасаганда, Сейил унчукпай калды. Азат да отурду. Умсунай кыз-күйөөсүн коноктоп, тамак жасап, үчөө жай отуруп, тамактанышты да, жатып калды. Сейил апасынын жанында:

- Апа, мен Азатты сүйбөйм, эне деген кызын түшүнөт дейт, сиз мени түшүнбөйсүз. Көңүлүм жок немеге таңуулап жатасыз…

- Кызым, мен жетим өстүм, атаңды мен деле сүйлөшүп же сүйүп тийбедим, жаш тийдим, турмуштун ачуу-таттуусун көрдүм, күйөөнүн жакшы сөзүн укпадым, силер деп жашадым. Азат сенин көзүңдү карап турат, кусуруна калба, ушул бойдон калбайсың, дагы күйөөгө чыгасың, кызым, ал Азаттай болобу-болбойбу ким билет, өкүнүп каласың, "жоо кыядан өткөн соң, кылычыңды ташка чап" деген сөз бар, адашып алган соң өкүнгөндөн пайда чыкпайт, - деди кызын эркелете, чачынан сылап, жүзүнөн өбө.

- Апа-а.

- Кой, балам, жылуу ордуңду суутпа!

Сейил унчукпай калды. Акырын күйөөсү жаткан бөлмөгө кирип кетти. Ошентип, эртеси түшкө жакын кыз-күйөөсүн узатып кайра кирди. "Сүйүү деген кандай нерсе өзү, сүйүүнү билбей өтүп баратам, балакет басып бул сүйүү дегени өрттү кечип, селден кайра тарттырбаган касиети барбы, балким толкундур, кээде түрүлүп келип, салкын абасына адамды сергиткен, толкунуна ороп алып, алда кайда мелмилдеген көлдүн түбүнө карай сүңгүтүп алып кеткен. Мен ошол ооруга чалдыкпаганыма тообо, бирок көңүлүмө жакпаган адам менен болууну да эч качан каалабайм, бул да болсо сүйүү болсо керек. Жакса да, жакпаса да, аял эле болсо, сөз айта берген эркектер толуп жатпайбы" деп өзүнчө ойго батып, терең үшкүрүнүп алды да, базарга жөнөдү. Бардык кезде аны алаксытчу базар болчу. Керээли кечке кыжы-кыйма, ызы-чуу базардын ичинде эл менен аралашып алаксыйт, үйгө келип жалгыз жатып, толгон-токой санаадан башы ооруп чыгат. Кино көрөт, уйкусу качып, көзү илинбейт.

Эми көзү илинип кеткен эле, эшиги тык-тык эткенинен чочуп тура калды: "Марсел келип калдыбы?" деген ойдо, үстүнө халатын жамына чыга калды.

- Ки-им?

- Мен эле, жеңе, айылдан кеч келип калдым, - деди тааныш үн. Умсунай ача коюп, мындайыраак кайнагасынын Калыбектен он жаштай кичүү кайниси Турусбек турганын көрдү.

- Кел-кел, эмнеге мынча кеч? - Умсунай эшикти кең ачып, ичкери киргизди. Бирок негедир сүйүңкүрөбөдү. Себеби ал бойдок болчу, төрт баласы менен аялы кетип калган, көп ичкендиктен үйбүлөсүнөн жат болуп калган эле.

- Шаардамын да, жеңе, аял болсо кеткен, ичпей калдым, жарашайын деп барсам болбой койду, анан кеч чыгып, үйгө жетпей биякка кайрылып калдым.

- Мейли эми, таң атып деле калды, - Умсунай жактырбаса да, бети-колун жууп, чай койду, тамагын ысытты. - Болбой койду дебей кайра-кайра бар, балдарың чоңоюп калбадыбы, өзүңөр жаш эмессиңер, балдардын эртеңкисин ойлогула.

- Атасынын оозун урайын, каадаланып болбойт, балдар өз күнүн өзү көрөт да, мен башка аял алам, - деди Турусбек тамактан ууртап жатып.

- Ой, кудай ай, эми кайдан аял издемек элең, аял киши ошентет, кайра жазылат, сен ичип алып балдардын эмне ичип, эмне кийгенин ойлобосоң, ал эри жок аялдай болуп, өзү багып жатса ачууланат, сени кайра ичип кетеби деп ишенбейт.

- Энесин урайын ошондой катындан, андан көрө сиздей жеңем турганда жерде калбайм, - деп ырсактаганда Умсунайдын жини келип кетти:

- Обуң менен бол, мен сенин оюнчугуң бекенмин, Марсел билип калса, сени жыга чабат, тамагыңды ич дагы, таң атып калды, жолуңа түш!

- Койсоңчу, жеңе, жеңесине шариятта жол бар, эч ким деле каршы болбойт, Марсел чоңойду, түшүнөт баарын.

- Экинчи бул сөзүңдү кулагым укпасын, үйгө келчү болбо, эгер дагы ушундай сүйлөчү болсоң акемдерге барып айтамын, туугандарыңды чогултуп ортого салам, бар эми үйүңө жөнө! - деп өзү туруп алып, аны ачуулуу карады. Турусбек кызаңдай ордунан ыктыта турду.

- Жеңе, бекер кылып жатасың, болбосо мага тийип алсаң болмок, - деди да сыртка карай жөнөдү. Умсунай дарбазадан чыгарып, эшигин бекитти да, кайра кирди. Салынган төшөгүнө кыңкайып жата кетти: "Айтса-айтпаса төгүнбү, канча өмүрүм эркектин жылуу кучагын сагынып жүрүп өттү, мен деле тирүү жанмын, бирок буга эмес, ылайыктуу бирөөгө тийишим керектир. Балдар өз жолу менен кетсе, кокоюп жалгыз калгандан өткөн кордук жоктур, уулум үйлөнсө, келин кайдан, кандай болот, мени менен тургусу келеби же жокпу, эмнеси болсо да, Марсел үйлөнө электе бирөөгө баш кошуп алышым керек" деп ойлонуп жатып, уктап кетти. Күн аркан бою көтөрүлүп калыптыр, туруп шашыла кийинди да, базарга жөнөдү.

- Ой, кандайсың, Умсунай? - деди коңшу орунда отурчу Айсалкын аны көрүп. - Эрте келчү элең, бүгүн уктап калдыңбы?

- Ийи, чарчаган окшойм, жатып калыптырмын.

- Умсунай, мен сага бир сөз айтайын дедим эле.

- Эмне сөз экен?

- Сен жалгыз бойсуң, бир жакшы адам менен тааныштырайын, ал сени сыртыңан көрүп, жактырып калыптыр.

- Айсалкын, балам бойго жетип турат, ал эмне деп ойлойт, эми эрге тием дегеним уят эмеспи.

- Кызык экенсиң, бала өз күнүн өзү көрөт, ушунча багып, бойго жеткирдиң, кызыңды күйөөгө бердиң. Андан көрө өзүңдү да ойлобойсуңбу, ушинтип эле өтүп кетмек белең, "отуз уулум болгуча, осурак чалым болсочу" деп илгеркилер бекер айтыптырбы, ошолор да күйгөнүнөн айткан, баланын бары жакшы, бирок күйөөңдөй болбойт, - деп Айсалкын дагы көп сөздөрдү айтты. Умсунай үндөбөй укту калганын, акыры таанышууга макул болду. Жамалбек мурда кызматтарда иштеп жүрүп, пенсияга чыгып, жумушунан кыскаргандан кийин бош жүрчү.

Умсунайдын бир мүнөз, көп сүйлөбөгөнүн билген Айсалкын атайын эле өзүнүн мындайыраак агалары болгондуктан тааныштырып, эгер туура келип калса, үйлөнүп алсын деп ойлогон эле. Эртеси түштөн кийин экөө товарларын эрте жыйнап, чакан кафеге келип отурушту. Тамак-ашка буйрук берип, күтүп калышканда салабаттуу, тыкан кийинген ак чач адам кирип, аларды көздөй басып келди.

- Саламатсыңарбы?

- Келиңиз, байке.

- Саламатсызбы? - деп экөө орундарынан туруп, учурашып, ал орундукка отургандан кийин өздөрү орун алды.

- Бул менин теңтушум Умсунай, - деди Айсалкын жылмая. - А бул киши болсо, менин сүйүктүү байкем Жамалбек.

- Жакшы, таанышып алдык анда.

- Тамакка караңыз, байке, - Айсалкын Жамалбекке карап, үстөлдөгү тамакка карай кол жаңсады. - Кана, Умсунай, тамак ичели.

- Рахмат, - деген Умсунай колуна кашык, вилканы алып, тамактан алып отуруп, Жамалбекти кыя карап койот. Ал да аста карап коюп жаткан. Айсалкын тамагын ичип болуп, кайсаңдай бир азга туруп анан:

- Умсунай, капа болбо, мен бара берейин эми, байкем экөөңөр сүйлөшүп отургула, кыз-күйөөлөрүм келмек эле, - деди экөөнө карай.

- Чогуу эле турсак болмок.

- Жо-жо-ок, сен бара бер, Айсалкын, биз бири-бирибизди аз-аздан болсо да, билгенге аракет жасайлы…

- Болуптур, эртең жолугушабыз, - деди да, Айсалкын жөнөй берди, Умсунай ыңгайсыздана тим болду.

- Умсунай, сүйлөй отур, күйөөңдүн өлгөнүнө канча болду? - деп Жамалбек жылмая караганда, көздөрүн ала качкан Умсунай аста гана:

- Он беш жылдан ашты, - деди.

- Турмушка чыкпадыңбы, кээде жалгыз бойчулуктан тажаган аялдар тез эле чыгып кетишет го?

- Жо-ок, чыкпадым, балдарым жаш эле, күйөөгө чыгууну деле ойлобопмун.

- Да-даа, жаштыгыңдын баарын балдар үчүн курмандыкка чалган экенсиң, - Жамалбек ойлуу бир азга отуруп анан: - Канча балаң бар? - деди.

- Бир кыз, бир уулум бар, кызым турмушта.

- Жакшы экен, бактылуу аял экенсиң.

- Рахмат, айтканыңыз келсин.

- Менин аялымдын өлгөнүнө үч-төрт жыл болду, бала жок, аялым төрөгөн эмес…

- Ийи, - деп койду Умсунай.

- Аялыма билгизбей бир балалуу болгомун, ошону өмүр бою кабыл албай өттү, - деп үшкүрүп алды.

- Ажырашкан жоксузбу?

- Жок, аялымды катуу сүйгөм, аны таштай албадым, эми балам мени тоотпой жүрөт, апасы башка турмушта, бала-чакалуу.

- Сүйүүгө ишенесизби?

- Сүйүүгө ишенбегенде кантем, адам сүйүүгө кабылганда жинди болгон эмедей абалда болот, куру кыял асманга калкытып, көктө учуп каласың да, керемети башка го сүйүү дегендин, сен сүйүп көргөн жок белең?

- Жо-ок, сүйүп да, сүйдүрүп да көрбөпмүн, тиричилик менен эле жүрө берипмин, өзүм жаш чыктым, анан балалуу болуп, жашоонун кызыгын деле байкабадым окшойт, - деп жылмая отуруп калды.

- Адам бир жаралат, Умсунай, жарыкчылык кызык, кооз дагы, адам эч нерсеге тойбойт, бир келген жашоону колдон келишинче пайдаланып өтүш керек.

- Менин кызыкчылыгым, жаркын жашоом - эки балам, ошолор бактылуу болсо, мен бактылуумун, мен эми ойлосом, балдарымды гана сүйүп, ошолорго болгон мээримимди төгүп, жашап келиптирмин.

- Баланын сүйүүсүнөн өткөн бакыт жок дечи, бирок тирүү пенденин жүрөгү назик, кээде өзүңдөн-өзүң бир нерсени эңсеп, күткөндөй болосуң, жан дүйнөң эңшерилип жалгызсырайсың, ошол кезде, балдардын сүйүүсү сени эс алдыра албайт, бир нерсе жетишпегендей ээн болгуң келет, - деди Жамалбек аны көз токтото карап жүзүнө үңүлө. - Дал ошол кезде өзүңө жан шерик болчу адамдын керек экенин сезип, жүрөк сыздайт, аргасыздан кээде ээн жакка эркин куш болуп учуп кеткиң келет.

- Туура, бирок мен андай сезимге туш болбой калдым го, эси-дартым бүт эки баламда, эки жакка чыкса санааркап, жол карап күтө берем, балким мен бул дүйнөдөн сүйүү деген керемет сезимге кабылбай өтүп кетээрмин, - Умсунай дагы ага тике карады.

- Андай дебе, Умсунай, сендей асылкеч аялды кимдер сүйбөйт, тирүүлүктүн ыйгарган насибинен куруу калтырбайт жараткан. Бул сенин кайдыгерлигиңден го, али жашсың, аялдар дал ушул сенин курагыңда баралына келип, чыныгы жашоого келгендей болушат, - Жамалбек күлмүңдөй сырдуу карады. - Анткени ага чейин чалпоолук, жаштык менен жашоонун маңызын деле сезбесе керек, акыл токтотуп калганда гана кызык дүйнөгө туш болгондой болушат.

- Кызык.

- Ооба, Умсунай, мага сен жагып калдың, токтоолугуң, турмуштун оор-жеңилин татып, көтөрө билгениң абдан жакты.

Көпкө чейин сүйлөшүп отурушту. Умсунай ойлуу: "Мен чын эле жашоодо эмнени көрдүм?" деп ойлонгону менен тыңгылыктуу жооп таба албады. Кеч күүгүмдө кафеден чыгып, аялдамага басышты.

- Сизге рахмат, - деди Умсунай жылмая кайрылып. - Мен ушул эле жерден унаага отурам, жакшы барыңыз.

- Менде машина бар, өзүм эле жеткирип койойун.

- Жок-жок, рахмат, ушунча узатканыңыз жетет, өзүм эле кетем, сиз бара бериңиз.

- Умсунай, андай дебе, мен өзүм жеткирем, мына бул жерде турат, жүрүңүз эми, - Жамалбек аны карыдан ала, сүйкүмдүү жылмайганда, Умсунай эки бети албыра, кадимки жаш кезиндегидей уялып кетти.

- Тим эле коюңузчу, убара болбоңуз…

- Ошонун убарачылыгы барбы, ансыз да жалгыздыктан зеригип, үйгө баргым келбей турат, бир аз болсо да сүйлөшүп, эрмектешкенче жетип калабыз, ушунчалык да тартынчаак болосуңбу? - деп арыта турган Мерс үлгүсүндөгү жеңил машинанын эшигин ачып отургузду да, өзү рулду бурай ордунан жылды.

- Убара болдуңуз да, - Умсунай ыңгайсыздана жылмайды.

- Убарачылык жок, сыйлоо гана, Умсунай, биз эми таанышпыз, бири-бирибизди жолго таштаганыбыз болбойт.

- Бир көргөндө уялат экенсиң да…

- Кыргыздын анык сыпайы кыздарынан экенсиң, болбосо сен курактуу кыз-келиндер жаныңды сууруп алчудай болуп баратпайбы, бош эмесмин дегениңе да карабайт, - деп каткырып калды. - Тартынып, уяла турган кез болот, - Башын чайкап күлүп койду да, алды жагынан көз албай зымырата айдап кете берди. Умсунай унчуккан жок, көп өтпөй өз айылына жетип келишти. - Кана, кайда айдайын?

- Оң жакка айдай бериңиз, жетип деле калдым.

- Кана-кана, токтодукпу?

- Ооба, токтоңуз ушул жерге.

- Жакшы-ы, - Жамалбек аны ойлуу карап, рулга колун койо отуруп калды. Умсунай машинеден түшүп, ага кайрылды.

- Рахмат.

- Суусап кеттим, Умсунай, бир чыны суу мүмкүнбү? - Жамалбек сынай жылмайып койду.

- Кечириңиз, мен такыр эле унуткан турбайынбы, даам сызып чыгыңыз, үйгө кирип.

- Рахмат, кыргыз тукуму эшигине келгенди, кур ооз чыгарбаган калк эмеспи, кайдыгер адамдарча жолдон кетирбейт, - Жамалбек машинадан түшүп, ачкычын колуна алып, эки жакты карап коюп, Умсунайга катарлаша босогону аттады. Үй эски болгону менен ичи-сыртын оңдоп койгону билинип турат, ичкери кирип да жупунулугуна эмес, тазалыгына көңүл буруп, төргө отура кетти. Аял кишинин билгичтиги, кол өнөрү, чеберчиликтин бир түрү эмей эмне, Умсунай колу билгендиктен, эскини эптеп таза кармачу. Курак төшөктөрү менен оюлары өзүнчө үй ичин кооз көрсөтүп турду.

- Оо, өзүң хан, өзүң бий болуп, ээн-эркин турат экенсиң да?

- Балам жумушта, ал жокто жалгызмын.

- Жакшы экен, бирок жалгыздык өтө жаман экен, кээде үйгө киргиң келбейт, жаш болсо өткөн, зериккенде гезит-журнал окуп алакеттенип, сендей жакшы аял жанымда болсо, күн батып, таңдын атканын сезбей калмак экенмин.

- Мен зериккенди деле билбейм, кечке базардамын, кечинде келип жатып калам, балдар үчүн мен кам көрбөсөм ким көрөт дейсиз, айтканга туугандары бар, боор тартып каралаганы жок, - Умсунай муңая сүйлөп, дасторкон жайып, чайын алып келди. - Чайдан ичиңиз, күйөөсү жок аял эркек адамды үйгө алып киргенден тартынат экен, мени кечириңиз.

- Эч нерсе эмес, чайдан ичели, сендей асылкеч аялдын колунан даам сызган кандай жакшы, жүрөгүм жаш кездегидей ээлигип турат.

- Коюңузчу, андай кездин өткөнү качан? - Умсунай наздуу күлүмсүрөй карады. - Тамашакөй экенсиз.

- Андай дебе, Умсунай, жаштык бизден кетти дечи, бирок жүрөк чиркин картайбайт тура, негедир сиздин турган турпатыңыз менен сүйлөгөн сөзүңүз мени боз уландай оолуктуруп койду, - Култуңдай келиндин колун чыны менен кошо кармады. - Али жүрөктүн курчу кете элек.

- Койо бериңиз эми, чайдан ичиңиз.

- Ичпей анан, сурап суу ичкенче сунулган чай ичкен дурус эмеспи, сенин сунган чайыңда бал кошулган болсо керек?

- Анчалык мактай бербеңиз эми, жалындуу убак өтүп, жүзүбүздү бырыш чалып, өмүр күүгүм чалып бараткансыйт, - деп Умсунай ойлуу колундагы чынысын карап, тунжурай калды.

- Кантип? Элүүгө жашың чыга элек жатып, өмүргө кечтин киргенин кеп кылганың болбойт, Умсунай, кел экөөбүз мындан ары жолугушуп туралы, баары унутулсун, көңүлүбүздү көтөрөлү, эртең концертке барып келели, кандай дейсиң?

- Мен бара албайм, уулум келсе, таппай калат го?

- Умсунай.

- Ийи.

- Күйөөң менен сүйлөшүп баш коштуң беле?

- Жо-ок.

- Неге?

- Мен жетим кыз элем, тагамдын аялы эле берип койгон.

- Жаман иш болуптур, канча жыл жашадыңар?

- Жети жыл.

- Аз, ошондон бери жалгыз жашайсыңбы?

- Анан эмне кылам, сизге айттым го, жалгыздык эмне экенин билген да жокмун, эки баламды багып, бир жагынан базарга чыгып, ошолорду ачка калтырбайын деп жүрүп, жыйырма жылдын кандай өткөнүн сезгеним да жок.

- Жаш өмүрүңдү бекерге өткөрүпсүң да.

- Өкүнбөйм деле.

- Туура, балдарга арналган өмүрдүн өкүнүчү жок, эгер ошол балдар кадырыңды билсе, сыйласа, - Жамалбек ойлуу отуруп калды. - Мен балдарым жок деген арманым бар, бир баламды өмүр бою аялымдан жашырып жүрүп, өмүрдү өткөрдүм, бардыгын бергемин, чоңойгуча жардам бердим…

- Бөлөк өссө ошол да, өзүңүз жолугуп турчу белеңиз?

- Жолугуп эле жүрдүм. Апасы мени атаң деп айтуудан баш тартып, ачыкка чыгарбады. Кийин угуп калып, мага жолугуудан да качып кетчү болду, өгөй атасын ата дечү да.

- Жаман болгон экен.

- Жок дегенде. Өз атыма жаздырып, мураскерим катары үй-мүлкүмдү берейин десем. Жолукпай жатат.

- Капаланбаңыз! Акыры түшүнөт да. - Умсунай көңүлүн жайкамак болду. - Сиз деле али жаш экенсиз го, жетишесиз баарына.

- Түшүнөөр деп күтүп жүрөм.

- Түшүнбөй кайда бармак эле, - деген Умсунай бата кылып, дасторконун жыйнагандан кийин Жамалбекти карады. Ал ордунан козголбоду, же кет деп айталбады, бир топко чейин үнсүз отуруп калышты. Жамалбектин кетейин деген ою жок.

- Умсунай.

- Ийи.

- Бүгүн мени кубалаба! Түн бакырдыкы дейт эмеспи, сүйлөшүп отуралы, - деди Жамалбек көптөн кийин анын ички сырын билип тургандай.

- Эртең жумуш, эс алалы. Сизге ички бөлмөгө орун салып берейин.

- Мен сени кыйнабайын. Бирок сени менен сүйлөшүп эле отургум келип турат, ушунча жыл жалгыздыктан тажап бараттым эле, сен менин жашоомо күн тийгиздиң, бир көргөндө жабышкан кандай неме дебе, - деп Жамалбек ага карай бергенде Умсунай эч нерсе дебей колдорун ушалай отуруп калды. Жамалбек дагы бир азга үндөбөй калды да, - Умсунай, өмүр деген күн чыккандан батканчакты гана убакыттай сезилип калат экен, артка кылчайып көрүп, кечээ гана төрөлгөндөй болосуң, албетте көңүлүң куунак болуп турганда, кейип турганда, түбөлүк жер үстүндө азаптанып жашап жүргөндөй өзүңдү да, жашоону да жек көрүп кетесиң.

- Ооба, жашоонун ошондой ачуусу да, таттуусу да болбой койбойт экен да, мунун баары тагдыр, пешенебизге эмнени жазса, ошону көрбөшкө чарабыз жок экен да, - деп үн катты Умсунай.

- Ырас эле, аргасыз пенде экенбиз, ойдогудай болсо, анда жашоонун гүлүн гана терип өтмөкпүз, - деп жылмая карады.

- Сиз кандай ойлойсуз билбейм, ырахаты жалгыз гана кардың ток, кийимиң бүтүн, балдарың ойноп жаныңда турса, ошол деп ойлойм, эми ар кимге ар кандай болот тура. Бакыт дегенди ар кандай түшүнөт, мен ойлойм, денсоолуктун тазасы, алты саныңдын аманы, бакыт эмей эмне?

- Туура айтасың, Умсунай, бакыт деген ошондо гана болсо керек, далай кызматтарда иштедим. Көп жакшылыкты көрдүм, аялымдын ойу менен болуп, айтканын жасап, көңүлүнө карап жашадым, бизде баары бар эле, бир гана ортобузда бала болбоду… - Жамалбек үшкүрүп ийди.

- Сүйүү деген ошончолук улуу да, ыйык да нерсе болсо керек, мен сүйүүнү билбей картайдым, күйөөм деле мени аял катары карабаса, бир жолу дагы эркелетип же жакшы көрүп койбоптур…

- Бири кем дүйнөнүн ушунусу кызык экен да, Умсунай.

- Сиздин аялыңыз кандай бактылуу жан болду экен, жанында айланчыктап, баарына кайыл болуп, көзүнүн агы менен тең караган сиздей жары турса… - Умсунай улутунуп алды. - Ушунусуна да шүгүрчү, балдарымдын кайгырганын, өкүнгөнүн көрбөсөм болду.

- Умсунай.

- Ийи.

- Кел, жаныма отурчу.

- Неге?

- Бири-бирибиздин демибиз, демибизге дем кошуп, жакындан таанышалы, колуңду кармап сенин илебиңден ырахат алайын, - деп Жамалбек өзү туруп келип, Умсунайдын жанына отуруп, колунан алды. - Биз эми жөн гана сыйлаша турган курактабыз, өмүрдүн күзгү жалбырагындай саргайган кезибиз, убагы келгенде самсаалаган сары жалбырак сымал сабыбыздан үзүлүп, таман алдында калаарыбызга аз калды…

- Эмнени айтып, жаралуу жүрөктүн картын сыйрып турасыз, мен эч нерсени ойлобогонго аракет кылып үйрөнгөмүн, кала берсе өкүнүчтү жан дүйнөмдөн алыс кубалап, муңайууну жүрөгүмдөн алып таштайм.

- Эркиңдин күчтүүлүгү жакшы экен, Умсунай, жакшы адамдын эрки күчтүүлүгүнөн жамандыкты көтөрүп, жан дүйнөсүнөн терс күчтү кууп, өзүн тазалап турат, башкага да жакшылыкты гана каалайт, пейили кенен, жүрөгү жумшак болот, издегеним дал өзүңдөй жан эле, - Жамалбек колун акырын Умсунайдын далысына алып барды. - Макул десең, экөөбүз баш кошуп алалы, - деп жүзүн өзүнө бурду, Умсунай аны таңгала карап калганда эшиктен бирөөнүн кирип келе жаткан дабышын угуп:

- Уулум келип калды окшойт, сиз тигиндей отуруңуз эми, мен уят эле болдум, эмне деп ойлоп калаар экен? - деп тура бергенде теңселе Турусбек кирип келди.

- Жеңе, кандай?

- Сен кайдан жүрөсүң жети түндө?

- Эмне жеңеме түндө келсем болбойбу? - деп Турусбек теңселе өйдө өтө бермек болуп, Жамалбекти көрүп калды. - Аа-а, жеңемдин коногу бар тура, - деди да, Жамалбекке карай басты, - Салоом Алейкум!

- Алеки Салам.

- Тынчыңарды алдым го? - Умсунайга кайрылды. - Жеңе, бул эмне деген жорук, түндө чоочун эркек менен отурганың?

- Турусбек, бул суроону мага бергендей кимсиң деги, менин коногум менен кандай ишиң бар? - Умсунай жини келе карады. - Сен кайним болсоң, өз сыйың менен келип кет да.

- Эмнеге, мен жеңемди күн-түн кайтарышым керек, ал турсун сага нике кыйдырам, жакында эриң болом билсең.

- Көп сөздү кой да үйүңө бар, мен сенин эрмегиң болгум келбейт, эртең акемдерге айтып, сени бул жерге келгис кылам, - деп колунан тартып, эшикке чыгармак болгондо, ал анын колун түртүп ийди:

- Сен, жесир, көрүнгөн менен ойногончо мага тийип алсаңчы, экөөбүз тең эле бойдокпуз да, акемдин өлгөнүнө жыйырма жыл болду, мен жети жылдан бери… - деп келе жатканда Умсунай аны карыдан алды да, күч менен түртүп чыгармак болду. Ал булкуна Умсунайды колунан кармап түртүп ийди эле, теңселип барып жыгылып калды. Ошондо Жамалбек тура калды да:

- Эй, жигит, аял кишини да ушинтеби, уят эмеспи, ошондой болсо, сооңдо келбейсиңби, сооңдо сүйлөшпөйсүңбү, - деп эки карыдан алып силккенде:

- Сен кимсиң, мага акыл айткандай, бар жолуңа түш, мен жеңем менен өзүм сүйлөшүп алам, жеңени илгертен кайниге нике кыйып келген, баары бир баш ийбегенде кайда барат эле? - деди ага тикелеше. - Сен киришпе, өз жолуң менен бол!

- Милиция чакырам, ана жеңең жатат, эгер бирдеме болсо жооп бересиң, - деп артын караса, Умсунай ыйлап отурган экен. - Сен ыйлаба, жалгыз бой аялга келип, тынчын алган адамдын орду түрмөдө, - деп катуу-катуу айтканда, ал Умсунайды карап:

- Болуптур, азыр мен кетем, бирок сага өзүм гана эр болом, сага сөзсүз үйлөнөм, көзүңдү кара, экинчи бул үйдөн башка эркекти көрбөйүн, - деп босогодон чыгып кетти. Умсунай көз жашын аарчый өйдө болуп эшигин бекитип, кайра кирди да:

- Ушундан да күйдүм, мындайы жок эле, ушунусу экинчи жолу болду, кайдан да асылып калды билбейм, - деп отуруп калды.

- Капаланба, сени ушунун колуна тийгизгиче өзүм алып кетем, адам кадырын эмес, өз сыйын билбеген неме го? - деп көз жашын аарчый кучагына кысты. - Сен менин гана жарым болосуң!

- Кайдан да жолуктуңуз, андан көрө сыртка чыгып, машинаңызды карайлы, бул тоноп кетип жүрбөсүн? - деп шашыла сыртка чыга жөнөгөндө Жамалбек кошо басты. Алар чыкканда Турусбек машинаны айлана басып, ачалбай жаткан экен. Экөөнү көрө калып, дарбазадан чыгып кетти. Караңгыга сиңип, көрүнбөй калганча карап турушту да, Жамалбек машинасын ичкери киргизди, дарбазаны кулпулап коюп үйгө киришти.

- Үйбүлөсү бар беле?

- Ооба, үч-төрт баласы бар, ичип аялына күн көргөзбөй буюмун сатып, талаада түнөп ичип калганда, кетип калган, күйөөгө тийип кеткен имиш.

- Кайран жан дечи, өзүн-өзү кыйнаган неме тура, үйбүлөдөн кечкен неме кантип башка бирөөгө жакшылык кылмак эле, шордуу экен, сен капа болуп калган жоксуңбу?

- Капа болгондо-болбогондо эмнеси калды, бул мага асылып калды, тынчымды ала берет, кайнагама айтып туруп, аны бул жерге келгис кылбасам болбойт, - деди улутунган Умсунай.

- Балким, ошол кайнагаң өзү алып бермек болуп жүрсөчү, бир кеп болбосо минтпейт эле…

- Андай болушу мүмкүн эмес, алар мени жакшы билет, өзү мас болуп алып эле келжиреп жатат да.

Андан кийин дагы көпкө сүйлөшүп отурушту. Умсунай негедир Жамалбектин кучагынан, деминен жылуулук алып, жүрөгү билинээр-билинбес дүк-дүк сого мемиреп үнсүз отурду.

- Эс алалы эми, сен эртең базарга барасың да, - деди акырын жүзүнөн сылай Жамалбек. Умсунай ички бөлмөгө Жамалбекке, өзүнө отурган бөлмөгө салды. Унчукпай кирип жатып калды. Умсунай көзү илинбей көпкө жатты, аппак ич кийим менен ак шейшепти үстүнө жаап алып, көзүн жумса да, уйкусу келбей ойлуу. Канча жатканы белгисиз, бир кезде төшөгү акырын көтөрүлүп, жанына жыла басып, Жамалбек келип жатты, белинен орой кучактап мойнунан жыттады. Ушуну эле күтүп тургандай үнсүз гана жата берди, денеси ошону каалагандай чиренип алды, оор дем алып, денесин сыйпалап келе жаткан колдорду, колу менен кармай бир колу мойнуна оролду.

- Күнөөгө батпайбызбы? - деди анан шыбырай.

- Эмнеге, экөөбүз тең бойдокпуз, бири-бирибизди толуктап, бүтүн болуп алганыбыз кудайга деле жагаар…

- Билбейм.

- Умсунай.

- Ийи.

- Эртең эле алып кетпейинби?

- Болбойт.

- Эмнеге?

- Уулум келсе эмне деп жооп берем?

- Эч нерсе, ал деле сени түшүнөт да…

- Ошого түшүнө албайм, мени жек көрүп калсачы?

- Жек көрбөйт, балаң эмеспи, түшүндүрсөң болот.

- Кызымдын кыялы чатак, жалгыз кызымды өтө эрке кылып алыптырмын.

- Кандай болгон күндө да балдарың.

- Ишене албайм, менден жүзүн буруп кетсечи?

- Ошого чейин барбас.

- Биле албайм.

- Тагаң барбы?

- Бар, картайып калышты.

- Анда мен ошо кишиге барайын.

- Эмнеге?

- Жуучу түшүп.

- Мынчалык неге, шашылдыңыз? Мени али жакшы билбейсиз.

- Мен сени туулгандан бери көрүп жүргөндөй болуп турам.

- Коюңузчу?

- Чын эле, көргөндө эле тааныштай сезилдиң, балким мурунку жашообузда тааныш чыгаарбыз, же жакшы жубай болгондурбуз?

- Кандай? - Умсунай башын көтөрө калды.

- Эгерде мурунку жашоодо бирге болгон болсок, ошондо мен сени катуу сүйгөн болсом керек?

- Ошондой дагы болот бекен?

- Болот.

- Ишенбейм.

- Ишенбей турган эмнеси бар? Бир адам кайтыш болгондо, бир наристе төрөлөт экен, ошондо наристенин абалап ыйлаган үнүн чыкканда, адамдын жаны ага барат имиш.

- Кайра төрөлүүгө ишенбейм.

- Ишениш керек, мен бир түштү ар дайым көрө берем, бирок жакшы элес алалбай калам.

- Кандай түш?

- Түшүмдө кербенчилерди көп көрөм, ар убак төөлөр менен жүк жүктөп алып, чаңдуу жолдо болом, анан бир кыз болот, ал кыз экөөбүздү бирөөлөр кубалап, кармап алат да мени сабашат, кызды болсо, зордоп күйөөгө бергенин көрүп турам, бирок аргам жок бөлүнүп калам.

- Кызык экен, төөчөндөрдү мен да түшүмдө көп көрөм, бирок эркекти көрбөйм, аларды мен узата карап туруп ойгонуп кетем.

- Чынбы?

- Эмнеге калп айтмак элем?

- Анда экөөбүздө бир жакындык бар.

- Андай болушу мүмкүн эмес.

- Макул эми, талашкандан пайда жок, бирок сени көргөндө эле бир жерден көргөндөй болдум, кайдан көргөнүмдү эстей албадым, ошондуктан сенден бөлүнгүм келбей жатат.

- Жомокчул экенсиз, - Умсунай ушул ирет бериле шыңк эте күлүп ийди. - Кайдагы болбогонду айтканыңыз кызык.

- Өзүмдү билбейм, бирок адам жети жолу жаралат экен, эгерде кыйналып жатып өлгөн болсо, анын жаны жаңы төрөлгөн балдарга барып, өңү-түсү, кыял-жоругу да өзү болуп калат имиш. Жараткандын табышмагын көр, өлгөн киши Кыргызстанда болсо, башка өлкөдөгү наристеге кетет экен, болбосо жакын эле жерде.

- Ушундайды уккан эмес экенмин, - деди Умсунай ойлуу. Ысык кучакташуу, өбүшүү, шыбырашуу менен бирге бири-бирине ырахат тартуулашып, көптө барып дымып калышты. Аңгыча таң агарып, жерге жарык кирип, жан-жаныбардын жашоо-тиричилиги башталды. Умсунай акырын ордунан туруп, кийинип сыртка чыкты да, жуунду, бүткөн бою жеңилденгенсип калган экен, өзүнчө жылмайып алды, анан кирип ашканасына баш бакты. Бир аз этин туурап, тамак жасамак болду. Анын калдыратып жуунганын сезген Жамалбек: "Жакшы аял экен, өмүрүмдүн акырына чейин бирге болсом, мени нааразы кылбайт, кудай буйруса дурус аял таптым" деп кийинип сыртка чыкканда Умсунай ага жылуу суу менен сүлгүнү берди, ал жуунуп келди. Экөө бирге отуруп тамактанып жатканда, Турусбек дагы келди, ал соолукпай эле кызуу бойдон экен.

- Турусбек, эмнеге келдиң, уят болуш керек го, ини-карындашың укса, сени бул үйгө баш бактырбайт, сыйың менен болсоң боло? - деди ачуулана Умсунай.

- А тиги ойношуңа уруксат берди беле?

- Эмне деп жатасың, менин ойнош ойноп жүргөнүмдү көрдүң беле?

- А мунуң ким анан? Актанбай эле койсоң, эми Марселге өзүм айтам да, нике кыйдырам, мына мунуңду экинчи көзүм көрбөсүн, эгерде дагы келе турган болсо, машинасын талкалап, өзүнүн башын жарам! - деп кайра чыгып кетти. Жамалбек ага теңелгиси келбеди, үндөбөй отура берди.

- Жетесиз неме экен, сага жашоо бербейт го бул?

- Корко турган жайым жок.

- Ошентсе деле, бул кеп жебеген неме турбайбы?

- Ичкич болсо ошо да, иштейин деген ою жок, кайдан таап ичкенине да түшүнбөйм, качан болсо ичкени ичкен. - Жинденгенин билгизбей токтоо сүйлөдү, бирок ичинен коркуп турду: "Жалгыз жарым жатканда келсе канттим, жумуштан келгенден кийин ата-энесине барып түшүндүрөйүн, алар кайтарып турмак беле. Акмак десе, тапкан экен ала турган катынды, ансыз да жаштайымда агасы жыргатып, ушунусу калыптырбы?" деген ойдо тунжурай түштү.

- Кеттикпи? - деди күлүмсүрөй Жамалбек.

- Ооба.

- Тагаңдын дарегин бер, эртең өзүм барып сүйлөшөм.

- Азырынча койо туруңуз, шашкан шайтандын иши дешет го, өтө кызыл бат оңот, өтө ысык бат муздайт болуп жүрбөйлү?

- Эч кам санаба, экөөбүз кыз-жигиттердей жашайбыз, буйруса, сен менин сөзүмдү ук. Бул үйдө турсаң сага жанагы кайниң жакшылык кылбайт, - деп колтугуна кыса сыртка карай жөнөштү.

- Мынчалык шашуунун кереги деле жок болчу, мен дагы даяр эмесмин, күйөөгө тийүү оюмда жок эле… - Үйүн кулпулаганча ага карабай сүйлөп жатты. - Балам келсин, улуу кишилерден айттырып уруксат алайын, балам деле жаш эмес, жыйырма экиге чыгып калды, таарынып, капа болуп калат.

- Ма-акул, алтын, макул анда, өзүң эле бил, бирок жообун тезирээк даярдабасаң ала качып кетип калам, - деп Жамалбек аны эңкейе жүзүнөн өөп коюп, экөө машинага отуруп жөнөй бергенде, бет маңдайындагы коңшусу менен сол жаккы коңшусу карап калды. Алар сүйлөшүп турушкан эле.

- Умсунайбы, ыя? - деди бири.

- Ошол го, тигиниси ким болуп кетти?

- Ким билет, бу байкуш балдары чоңоюп, жалгыз калганда бирөөнү киргизип алайын деген го?

- Дегеле мындайы жок эле го?

- Болсо болот да, жакшы күн деле көргөн жок, кайненесинин жакшысынан эле туруп калды, күйөөсү адам эмес эле да, көз алдыбызда чоңойгон неме.

- Ошону айтсаң, былк этпей эки баласын багып чоңойтту, бирок баласы жакшы бала болду, жакшы тарбиялады да, кокус жеңил-желпи неме болуп, телтеңдеп жүрө берсе ким билет?

- Байкуш десе, эми кычыраган кишини таап алган тура.

- Мейли, азыр эмне жаш эле, тийип алса болот.

- Эмнени кеп кылып жатасыңар? - деп дагы бир коңшусу келип туруп калды, экөөнө кулак төшөй.

- Умсунайды айтам, үйүнө машинасы менен бирөө келген экен, азыр эле чыгып кетти.

- Кечинде келген, тууган-туушканыбы деп ойлодум эле, - деди ал аял дагы сөздү улай, - мунун андай-мындайы жок эле го?

- Капырай, ургаачы болгондон кийин болбой койчу беле, алдына машинасын тартып сыйлап турса, кандай эле жөн туруп калсын, ыйлаган баласы деги жок, элүүгө чыга элек, келин бойдон куурап өтмөк беле?

- Эмне болсо ошол болсунчу, колунан келсе жашай берсин, көрсүн байкуш.

- Ооба десең, көрө берсин, үйүнө жан эркек киргенин көрбөгөнгө биз дагы кызык көрүп таңгалып жатпайбызбы? - деп үч аял ар кайсыны айтып туруп, үйлөрүнө тарады.

Умсунай базарга келсе, Айсалкын келе элек экен, товарын жайып, эми отуруп калганда келди, ал Умсунайды көрүп эле:

- Кандайсың? - деди күлө карап.

- Жакшы, өзүң кеч келдиң да?

- Уктап калыптырмын.

- Эс алыш керек эле, күндө базар деп жүрүп, мен деле жакшы уктабайм, мен баргыча кеч кирет, антип-минтип бирдеме жасап ичкиче түн кирет, анан кайра эрте туруп, тажап да баратам.

- Анда күйөөгө тийишиң керек ай, жакшы киши болсо, мен деле тиймекмин, - Шакылдаган Айсалкын товарын алып чыгып, жайды да, ага жакын отурду. - Менин байкем кандай экен, жактыбы деги?

- Билбейм.

- Антпе, анын деген заңгыраган үйү бар, жалгыз жашайт, эгер ага тийип алсаң базарга чыкпайсың, ал сени жөн эле багып алат, - деп эңкейе калып шыбырады. - Аялы төрөгөн эмес, сен ага төрөп берип койсоң, төбөсүнө көтөрүп алат.

- Койсоңчу, мен эми төрөмөк белем?

- Эмнеге, сен төрөп жүргөн аялсың, кырк төрттөсүңбү?

- Кырк үчтөн өттүм.

- Болот, элүү экисинде төрөгөн аялды көргөмүн.

- Балдарым эмне дейт, кудай урбадыбы, эрге тием деп чыксам, - Умсунай жылмая карап ойлонуп калды. - Кыз-күйөөм турат, уулум үйлөнөт, анан неберелүү болсом, ошолор менен бактылуу отура бергеним туура го?

- Кызык экенсиң, уул-кызыңдын жашоосу өзүнчө болот, "отуз уулум болгуча, осурак чалым болсочу" деп илгери бирөө арман кылган имиш ай.

- Баары бир, мен андай кыла албайм, - деген Умсунай түнкү таттуу кучакташуу менен өбүшүүнү, карылуу кучакты көз алдына келтире, тунжурай отуруп калганда Айсалкын ага карап күлө минтти:

- Колуңа келип конуп турган бакытты, кармап калсаңчы, курбум, өзү абдан жакшы киши, мүнөзү жумшак, дүнүйө-мүлктү жыйган тим эле жалгыз башына, укмуш ай.

- Эми жыйса баласы бар экен го, акыры анысы келет да, - деп Умсунай айтканда, Айсалкын таңгала карады.

- Кандай бала?

- Өзүнүн аялы төрөбөгөнүн айтты, бирок башка бирөөдөн балалуу болгон экен, аны албай койгондуктан, ал аял баласына атаң деп айтпай коюптур, эми үйбүлөсү бар экен.

- Ырас бекен ушул?

- Өзү айтып отурду.

- Кызык, уккан эмес экенмин.

- Аялына айткан эмес тура.

- Ой, тобо-о, ошондой экен да?

- Ошондой.

- Мейли, жакшы болуптур, сага анын зыяны тиймек беле, ал келсе өзүнчө болот, сен байкем менен жашайсың да, макул дей бер, ал сени жыргатат, - деп Айсалкын Умсунайды далыга таптап койду. Экөө сүйлөшүп отура берди, түшкө чейин өчөшкөнсүп соода да болбоду.

- Бүгүн кайсы күн, ыя? - деди Айсалкын.

- Дүйшөмбү эмеспи.

- Ошол үчүн соода болбой жаткан тура, эмне болду деп койом, бул убакта бир топ болуп калчу эле да.

- Мен да таңгалып отуруп, эстей калбадымбы.

- Кызың төрөй элекпи?

- Жок, жөн эле жүрөт.

- Жашында төрөгөндө эмне, бир-эки жылдан кийин төрөсө деле болот да, келин доорун жакшылап сүрүп алсын.

- Бактылуу эле болсо болду эле, күйөөсүнө бой салбай эле, кайра-кайра баса берет, күйөөсү алып кетет, - Умсунай үшкүрүнө алдына келген кардарына карады. - Келгиле, эмне берейин?

- Халатыңыз канчадан?

- Жүз элүү сом.

- Түшөсүзбү?

- Түшкөндө кайда барам ыя, сиңдим, ичине кирсең эки жүздөн, эки жүз элүүдөн сатат.

- Макул эми, эже, бериңиз, ушунуңуз жакты, алайын, - деген кардар халатты сатып алып, жолуна түштү.

- Ой, тобо-о, бу адамдарың кызык болуп баратат, арзан айтсаң да, андан арзан түш дешет, беш-он сом кошуп, эптеп жашап жатканда… - деп Умсунай өзүнчө нааразылана кетти.

- Кээси түшүнөт, айтканыңды алып кете берет, кээси тырышып өлөт, кээде соода болбой калгандан көрө деп, берип ийесиң, - Айсалкын ага кошулду…

Айсалкын төрт кызы бар жесир аял. Эки кызы күйөөдөн чыгып келип алган, бири үйбүлөлүү, бирөө турмушка чыга элек. Күйөөсү өлгөндөн кийин швеяда иштечү, эки кызы менен бир бөлмөнү арендага алып, кийим тигип жүрүштү. Оптом алып кетчү Шамил деген жигит бар эле, ошол келген сайын шынаарлап жүрүп, бир кызына таанышып, кийин экөө жүрүп калды. Байкамаксан болгон менен анын жини келип, бир күнү кызы менен уруша кетти. Курманжан апасынын кебин укпай айтышып калды:

- Апа, эмне болуп жатасыз, Шамил жаман бала эмес, бойдок экен, акыры үйлөнөт да? - деп буркулдады.

- Кызым, биерде канча кыз-келин жүрөт, мен уялып бүттүм, көз көрүнөө машинасына отуруп кетип каласың, башка го мейли, мени ойлосоң боло, уялганымдан зорго жүрөм. Энесин сыйлабайт экен дешет го?

- Айта бербейби, мен сизди мындай сыйлап алсам болду да.

- Акыл-эсиңдин жогунан менин намысымды түшүрө турган болдуң, цехти жабам, өзүңөрдү-өзүңөр баккыла, - деп ыйлап-сыктап отуруп калды. Бирок Курманжан өз оюнан кайтпады. Күнү-түнү кетип калып жүрдү. Бир күнү боюнда бар экенин билди да, Шамил менен жолугуп отуруп:

- Шамил, мен бирдеме айтсам болобу? - деди кабак түйө.

- Айта бер.

- Билесиңби, чынын айтсам эмне дээримди да билбей турам.

- Айта бер, эмне тынччылыкпы?

- Шамил, менин боюмда бар.

- Эмне?! - Шамил отурган ордунан ыргып турду. - Курманжан, азыр менин үйлөнө турган шартым жок, мени түшүн, ушундайда алдырып сал, кийин деле жетишебиз.

- Шамил, сен адегенде эмне деп убада бердиң эле, бул менин биринчим, алдырып койгондо кийин төрөбөй калам, сен деле мени түшүнчү, шартың менен ишим да жок, мени үйүңө алып барбасаң мен өлүп тынам, - деп Курманжан ыйлап жатты.

- Эч нерсе деле болбойт, азыр алдырып койгонуң дурус, экөөбүз адегенде бутка туруп, баарын даярдап алып, анан деле үйлөнөбүз да.

- Жо-ок, мени апам билип калса өлтүрөт, сен мени ушинтип уят кылып, намысымды тебелеп коюп басып кеткиң барбы?

- Андай оюм жок, мен дагы ойлоноюн, ата-энеме кеңешейин, сен эч нерсе билгизбей туруп тур, эртең товарды алып, Москвага салып коюп, үйүмө барып айтайын, макулбу?

- Болуптур, тездетишиң керек, Шамил.

- Сөзсүз, жаным, эртең сүйлөшөйүн, - деди Шамил. Экөө жетелешип алып, бульварда келе жатты.

- Качан келесиң анан, товардын акчасын дагы кечиктирбей беришиң керек, апам цехти жабам деп жатат.

- Эмнеге?

- Билбейм, апам сен экөөбүздүн мамилебизди жактырбай жатат, ал сага ишенбей жүрөт окшойт.

- Көрөсүң, жаным, сени уят кылбайм, эртең товарды жөнөтүп алсам эле, ата-энеме кеңешип, сени алып кетем, - деп эки бетинен өөп коштошту. Курманжан кубанып үйүндө калды. Ошол күнү жалаң кышкы кийимдерди тигип, упаковкалап коюшкан. Эртеси Шамил товарды мурдагысынан көп кылып алды да, жөнөп кетти. Мурда деле жумалап подреал алып кетип, алып келип берчү. Айсалкын жаман ойлогон жок. Кайрадан ишин уланта берди. Ошентип, бир жума, эки жума өттү, Шамилден кабар болбоду. Курманжан үйгө жатып алып, ыйлап жатты. Ошол бойдон эч кабар болбой Айсалкын рулон маталарын үйүнө ташыды да, цехти жаап коюп, базарга чыгып алды. Курманжан үйдөн чыкпай жатып, жазга маал уул төрөп алды. Аргасы кеткен Айсалкын эптеп, баланы үйүнө алып бакмак болду. Курманжан базарга чыгып, соода кылат. Арадан билинбей эле үч жыл өтүп кетти. Нурели тили чыгып, татынакай болуп чоңоюп келе жатты. Бир күнү базарда отуруп, Шамилди көрүп калды, жанында узун бойлуу келин жүрөт, алар бери караганда, Курманжан прилавкага эңкейип алды.

- Бул костюмуңар канча? - деди Шамилдин жанындагы кара көз келин.

- Төрт жүз элүү сом, - Курманжан отуруп алгандыктан, Умсунай жооп берди.

- Ушуну албайлыбы, Шамил, булар жаңы мода да, - Келин күйөөсүнө эркелей көзүн сүзө кайрылды.

- Мейли, өзүңө жакса болду, - Шамил Умсунайга карады. - Канчага бересиз, кеми барбы? - деди ырсая.

- Жо-ок, айланайын, ээси жокто түшүп бере албайм, калганын мен төлөмөк белем?

- Ала береличи?

- Болбойт, башка жактан карап көрөбүз, - деп Шамил келинди колтуктай ары басып кетти.

- Мен азыр келем, эже, - деген Курманжан Умсунайга товарын дайындап коюп, Шамилдер кеткен жакка шаша жөнөдү. Ары жактан көргөн костюмдары жакпай, аялы кайра ээрчитип келди да, айткан баага алып базардан чыгышты. Курманжан алардын артынан барып, машинасына отураары менен бир таксиге отурду.

- Тигил машинаны артынан айдаңызчы? - деди.

- Эмне жеткирип койойунбу?

- Жок, кайда жашаарын көрсөм болду.

- Тынччылыкпы?

- Анда ишиңиз канча?

- Ууру кылдыбы?

- Акыңды аласыңбы же айтып берсем, бекер алпарасыңбы?

- Болуптур, бекер алып баргандай аялым же туушканым белең?

- Тез айдаңыз, адашып калбаңыз.

- Адашкандай тажрыйбасыз шопур эмесмин, - Курманжан унчукпай калды, шопурдун сураганына жини кайнап турган. Жаңы конуштардын бирине кайрылганда алардан бир аз артта калып, анан бурулушту, үч-төрт көчөдөн кийин эле токтошту. Чоң кылып, кызыл кирпичтен салынган үйдүн эшигине токтотуп, кирип кетишти.

- Айдаңыз, - деди ошондо Курманжан айдоочуга. Көчө менен өтүп баратып, эки жагын дааналап айнегинен карап алды да: - Кеттик, - дегенде айдоочу аны таңдана карап алып, жолго түштү. Келип сураганын берип, ордуна келди: "Демек мунун балдары да бар экен, үйүнүн ремонту бүтө элек экен, сени шашпа, сага бирди көрсөтпөсөм элеби?", - деп ойлоп алды. Бирок кандай болгондо өч алаарын билбей жүрөгү ооруп кайтты. Анын капалуу келгенин көргөн Айсалкын.

- Эмне болду? - деди.

- Эчтеке, апа, мен Шамилди көрдүм.

- Кайдан?

- Базардан.

- Жолугуп сүйлөштүңбү?

- Жок, көрүнгөн жокмун, аялы бар экен.

- Ошондой болоорун билгемин, эне сынчыл болот, кызым, эми акчаны өндүрүп алсак болду эле, жашаган жерин кантип табабыз.

- Табабыз, апа, алты миң сомду үч-төрт эселеп өндүрөм.

- Кантип, үч жылдан бери он миң кылып берсе деле болот эле.

- Учуру келет, апа.

- Ошондой болсо кана, үйдү оңдогонго кереги тиймек, - деп Айсалкын өз ишине киришти. Ары ойлонуп, бери ойлонуп эмне кылаарын билбей, бир топ күн өтүп кетти. Бир күнү базарга чыкпай үйдө калды, жуунуп-таранып алып жасана кийинип алды да, кечке маал Нурелди алып, көчөгө чыкты. Анан кечке маал таксиге түшүп алып, атайын Шамилдин үйүнүн жанына токтотту. Ал келгенде Шамил үйүндө жок экен, аялы Зебиниса аны көрүп:

- Сизге ким керек эле? - деди утурлай басып келип.

- Шамил байкенин үйүбү?

- Ооба-ооба.

- Мен шаарга жаңы келдим эле, айылга барганда дарегин алып калгам, карындаштары болот элем.

- Жакшы-жакшы, киргиле үйгө, - деп Зебиниса Нурелдин бетинен өөп, үйгө киргизди. Курманжан ичкери кирип, эки жакты карап: "Анчалык деле эмес, бирок тапканынын баары алдамчылык менен болсо жукмак беле" деген ойдо салган төшөккө отурду.

- Россияда иштейм деди эле, сизди да көрө элекмин, - Курманжан сыр билгизбей сынай карады. Эки эркек бала эшиктен кирди. Бири беш-алты жашар, бири Нурел курактуу. Аларды көрүп, Зебиниса күлүп калды.

- Балаңар биздин балдарга окшош экен.

- Эр тайын тартат деп бекер айтпаган го, тагаларына окшош, - деп кымырыла бир нерседен кооптонгондой жүрөгү лакылдай, улам чайдан ууртап коюп жатты. Бир кезде машина келип, үйдүн алдына токтоду. Зебиниса чыгып, күйөөсүнө келген мейман жөнүндө айтты эле ал:

- Кайсы карындаш экен? - деди эч нерсе оюнда жок эле.

- Сенин туугандарыңдын кайсы бирин билем, иши кылса мен көрбөгөнү го, баласы менен экен.

- Келсе келгендир, мен азыр кирем, - деди да, алып келгендерин машинадан алып түшүп, анан үйгө кирип келе жатып, Курманжанды көргөндө жүрөгү болк эте түштү. Босогону аттап келе жаткан буту артка тартыла түшкөндө:

- Кандай, байке, жакшы жүрөсүзбү, төркүн издеп келип калдык, - деп Курманжан тура калып учурушканда, сөз таппай калды.

- Жакшы-жакшы, - деп кызарып-татара Курманжандын алдында отурган өзүнүн балдарына койондой окшош үч жаштардагы баланы көрүп, сүйлөй албай туттугуп туруп калды.

- Эмне болду сага, карындашың учурашып жатса, жакшылап көрүшкөнгө жарабай? - деп Зебиниса күлүп калды.

- Ой, тааныбай калыпмын, мен айылдан кеткенде кичинекей эле кыз болчу, - деп сөз таба койгонуна кубана күлүмүш этип, Нурелди колуна ала өөп калды эле, ал ыйлап барбай апасына качты: "Акмак, ичкен ашың кекиртегиңден чыга турган болосуң, шашпа сага көрсөтпөсөмбү, айтканыма көнбөсөң үйбүлөңдү бузуп, ташыңды талкан кылам" деп Курманжан жүрөгү канап, сыртынан калп жылмайып отурду. Шамил көп отура албай сыртка чыгып кетти. Зебиниса тамак жасап, жакшы коноктоду, түн киргенде төркү бөлмөсүнө орун салып берди. Баары уктаган кез, баарын байкап турган Курманжан акырын туруп келип, Шамилди акырын түрттү эле, ал уктабай эле жаткан окшойт тура калды. Курманжан унчукпай чыгып кеткенде артынан чыкты.

- Качып кутулам деп ойлодуң беле? - деди Шамил чыгаары менен аны кекете. - Мен сени менен акыйлашып отура албайм, алган карызыңды үч жылдык үстөгү менен мен тарткан азап-тозоктун эсесин бере турган болсоң, үйбүлөң менен тынч каласың, жок дей турган болсоң өз убалың өзүңө!

- Сени кайдан табам?

- Аялыңа кастюм алган местага барсаң, мен ошол жердемин.

- Болуптур, эч сөз жок, үйбүлөм билбесин.

- Аялыңды ошончолук сүйөсүңбү, андай болсо, башкалардын убал-сообун неге ойлободуң, эки күндүн ичинде жүз миң сомду алып барып бербесең, жашооңду ойрондотом, мына менин тагдырым да бузулду, эми сенин жашооңду мага теңеп койом!

- Анча акчаны кайдан табам?

- Ал сенин ишиң, - деди да, Курманжан ичке кирип кетти.

Шамил эмне кылаарын билбей делдейе туруп калды, көз алдында өзүнүн балдарына окшош Нурел, "Эмне кылышым керек, туура айтат, тагдырын талкаладым, уулум өзүмө окшошуп турса, эмне дей алам, эмнеси болсо да беришим керек. Балам мени билбей өсөт эми, кантип менин балам деп айта алам, аны балам десем, Зебиниса эки баламды алып, жолго түшсө" деп эшикте басып жүрүп, анан кирди. Эртең менен эч нерсе билбегендей эрте турган Курманжан:

- Мен эрте барышым керек эле, маршрутка барбы биерден Дордойго? - деди.

- Маршрутка жок, түз баралбайсың.

- Такси барбы жакын арада.

- Кой, таксини коюп эле Шамил жеткирип келе калсын, - деп Зебиниса Шамилди карады.

- Макул, макул, - деген Шамил аялынын көзүнөн көзүн ала качты.

- Жакшы болбодубу, эртерээк жетип алайын, - Курманжан шек билгизбей, баласын көтөрө чыкмак болгондо:

- Чай ичип алсаңар болмок, - деп Зебиниса аны токтотту. Эртең мененки чайларын ичип алып, жолго чыгышты. Курманжан үйдөн узагандан кийин Шамилди карады.

- Адам тагдыры сен үчүн алмаштырып кийген бут кийимчелик да көрүнбөсө керек?! - Ызалуу тикирейе үнүн пас чыгарып сүйлөдү да, кайра уулун карады: - Мына, сени сүйүп калып, тапкан жарым бактым, сен мындан кече качып, ал турсун мээнетибизди алып кеттиң эле, көрдүм балдарың бар экен…

- Курманжан, мени кечир, ошондо өзүмдү кармай албай калдым, мен деле сени жакшы көрчүмүн, аялым бар эле, айтууга оозум барган жок, аргасыз болдум…

- Кечиримби, кантип кечирем, эрге тийбей туруп сага алдандым, бүтүндөй тилек-максатымдын баары талкаланды, мындан аркы тагдырымды элестете да албай турам, - деп Курманжан көзүнүн жашын көлдөтө ыйлап жатты. - Бирок, Шамил, сен менден оңой кутулам деп ойлобо же качып кеткенге аракеттенбе. Эгерде айтканды аткарбасаң аялыңа бүт баарын айтып беремин, мен сыяктуу эле ал дагы жабыркасын, жүрөгү оорусун, мен эми эч кимди аябайм.

- Кудай жалгагыр, болуптур дебедимби, айтканыңдай болот, бирок жүз миң дебе, элүү миңди эки бөлүп алып барып берем, балага болсо, өзүмдүн атымды жаздырайын, - Шамил машинаны жол жээгине токтотуп, ага карап отурду. - Чоңойгуча өзүм жардам берип карайм.

- Сенин жардамыңдын кереги да жок, болгону сенден өз акчамды үстөгү менен, ызамдын, сага деген ички кегимдин кайрымын алам. Болбосо баланы текшертип туруп, бир кезде таштап кеткениңди жазып, сотко тапшырам, акыйкаттык болсо, сен үйбүлөлүү болуп туруп мени алдаганың үчүн жазаңды тарттырат.

- Курманжан, кечир мени, айтканыңды кылайын, тынч гана ишти бүтүргөнүбүз туурадыр…

- Жаңжалсыз гана бейкут өмүр сүрөйүн деген оюң бар го, менин намысымдын тебеленгени, апамдын жүзүн жер каратканым, өмүр бою жүрөгүмө так калтырганың сен үчүн арзыбаган нерсе экен го, ээ?

- Койчу эми, ачууланбачы, баары үчүн кечирим сурайм, кел, андан көрө уулумду бир колума алып эркелетейинчи, - деп сөздү башка жакка буруп, Нурелди алмак болгондо, ал башын ары буруп, апасына ыктай берди. - Кел-келе гой, мен сенин атаң болом, уулум.

- Кантип уялбай айтып турасың, ушундай уятсыздыгыңдан эки бирдей адамдын ортосунда драма коюп жүрөсүң да, тарт колуңду, мен ушул жерден такси менен кетем, кете бер үйүңө! - деп Курманжан аны акшыя карап, баласын ары тартып, эшикти ачып түшүп баратканда Шамил аны кармап калды.

- Отур эми, бараар жериңе жеткирейин, - деп машинасын от алдырып калганда, Курманжан отуруп, кайра эшигин жапты. Зымырата айдап баратып: "Бул минте берсе тынчтык бербейт, мунун бир эсебин табышым керек" деген ойго келди. Экөө тең унчукпай келе берди, Нурел уктап калды, үндөбөй жүрүп отуруп, бат эле Дордойго келип калышты.

- Айтылган күнү өзүң ошол орунга алып кел, эгерде бир күн өтүп кетсе, мен үйүңө дагы барам, анда карындашыңмын деп калп айтпай чындыкты айтыш үчүн барам, - деп түшүп баратканда:

- Болду сүйлөштүк, - деди Шамил ойлуу. Курманжан апасынын ордуна барса, ойлуу отурган экен, кызын көрүп тура калды.

- Кайда жүрөсүң?

- Жумуш чыгып калды, апа.

- Бар үйгө, мен кечинде барам, - деп жини келе ары карап кеткенде Курманжан: "Мени дагы жаман көрүп калды, ушул балам менен кайда бармак элем, мейли жек көрө тур, ачыгын акыры билесиң" деп ойлонуп алып, унчукпай үйүнө жөнөдү. Шамилге ал ишенбей турду: "Балким качып кетээр, чындап кача турган болсо, мен эми ага бирди көрсөтөм, үйбүлөсүн ажыратып, балдарын өгөйгө кор боло турган кылам" деп дагы кекенди. Кечинде келген Айсалкын кызын бир жекире карап алды.

- Ушул кордугуң деле жетет эле го, эми дагы кайдагыны таап ала койдуң, "көп баскан аяк, бок басат" дечү эле, уят-намыс деген барбы сенде?

- Апа, эч кайда барбадым, ишенчи, апа.

- Кантип ишенем, ыя, эрге тийбей тууп алып, эл караган бетимди жер караттың, дагы шылдың кылгың барбы?

- Апо-ов, - деп Нурел Айсалкынды кучактап калды. - Бий эжеге байдык, мен балдайы менен ойноду-ум, - дегенде Айсалкын баланы көтөрүп ала койду.

- Ыраспы, уулум?

- Ооба-а, апамды уйушпачы.

- Урушпайм, каралдым, болду үйгө кирели, ээ?

- Ийи-и, - деп тепилдеп, жетегинде бараткан небересине эзилип, ичкери киришти. Саамай менен Таалайы телевизор көрүп отурушкан экен.

- Сиз кайда кетип калдыңыз? - деди эң кичүү сиңдиси. - Нурелди таштап кетпейт белеңиз?

- Классташ кызым чакырган, ошого барып келдик, - Курманжан көңүлсүз отура кетти. - Бир күн үйдө болбой калсам, жеп ийе жаздайсыңар.

- Сурап койсо болбойбу, азыр заман бузулуп турат, кабатыр болобуз да, - деди баятан бери унчукпай отурган эжеси Саамай.

Ошол бойдон ар кимиси өзүнчө алаксып кетти. Курманжан орун салып жатып алды. Төрт кызы үйгө чогулса эле бири-биринен өтүп, урушуп, жаңжалдаша берет. Айсалкын кээде ошого нааразы, айтып-десе да угушпайт, биринин сөзүн бири укпай, чачташа кетишкен учурларын көргөндө жүрөгү канап: "Неге балдарымдын ынтымагы жок, алымдын жетишинче акыл-насаат айтып эле жатам, бирин тутуп кала алышпады" деп кейип калат. Анан коңшусунун балдарын көз алдына келтирип алды. Колдорунда жок, балдары бири-биринин кийимин кийип чоңоюшту. Улуусуна кичүүсү тике карабайт, жумшаса илгиртпей жүгүрөт. Үйүнө конок келсе, өз иштерин жасап үнү чыкпайт, эми ошол балдар бой жетип, баары жакшы чыкты. Ата-энесинин үйүн оңдоп, эшигине мал күттүрүп, байып калышты. Ушуларды ойлоп алып кээде, көз жашын сыгып алат: "Аман болушсунчу, уулум жок деп арман кылып жүрдүм, ушулар аман-эсен бактылуу болсо, менин бактым ошол эмеспи" деп аргасыз өзүн сооротот. Курманжан күндө базарда, оюнун баары эле Шамил, анын келээрин же келбесин билбей кыжаалат. Кээде өзүн табалап жаткандай сезилет. Андайда карегинен ысык жаш төгүлүп, дароо жетип, аны колунан келсе бычактап салгысы келип кетет. Күн ысык болгондуктан соода солгундап, үргүлөп отурган эле.

- Салам! - деген үндөн башын көтөрө калды.

- Салам.

- Кандайсың? - деп ыржайды Шамил.

- Жакшы.

- Иш болуп жатабы?

- Ойдогудай, - Курманжан аны сүйүңкүрөбөй жанындагылардан тартына, - Таптыңбы? - деди туюк.

- Жарымын.

- Калганы качан?

- Дагы бир жумадан кийин, - деди да, колундагы пакетти Курманжанга сунду. - Эгер бир-эки күн кечиксем күтө тур.

- Болуптур, - деп пакетти алдына коюп, акырын ачып карап, - бара бер, - деп коюп отуруп калды.

- Макул жакшы тур, көрүшкөнчө, - Шамил колун көтөрө жылмайган болуп басып кетти. Курманжан ал көрүнбөй калгандан кийин мыйыгынан жылмая пакетти кайрадан ачып көрсө, ырас эле беш пачка акча. Акырын пакетинен чыгарып, сумкасына салып койду да, товарларын жыйып кирди.

- Ай сага эмне болду, эрте го азыр? - Умсунай андан таңдана сурады. - Эмне күйөө балдар чакырып койдубу?

- Жо-ок, үйгө барып, жумуш кылам, - деп суз жооп берди, арыдан бери жыйып, кулптай салып жөнөп кетти. Айсалкын дагы анын эрте келгенин көрүп:

- Эмнеге эрте келдиң, бүгүн экинчи күнү жакшы соода болот эле го? - деди.

- Чарчап кеттим.

- Чарчасаң бүгүндөн кийин чыкпа, өзүм эле кылам, силер ушинтесиңер да, дегеле силерден пайда жок.

- Болдучу, апа, анчалык эмне болуп кетти, жүр үйгө кирсеңиз, бир нерсе көрсөтөм.

- Эмне экен ал? - Жактыра бербей сурады Айсалкын.

- Көрсөңүз анан.

- Деги жакшылыкпы?

- Кубаныч.

- Анда көрөлүк, - Ээрчише үйгө киришти, Курманжан шашпай кийимин алмаштырып, отуруп, анан сумкасынан акчаларды алып чыкканда, Айсалкын аны делдейе карады.

- Бул кайдагы акча?

- Бул өз мээнетибиз, апа.

- Ботом кимден алдың, соода кылдыңбы?

- Сооданыкы өзүнчө, эмне сиз элүү миң соода кылчу белеңиз?

- Ко-оку-уй, кайдан алып жүрөсүң?

- Таап алдым, - Курманжан чынын айткысы келбеди.

- Чын элеби, бир байкуш күйгөн экен да, каерден таптың?

- Туалетке киргемин, эч ким жок, пакет илинип туруптур, карасам ичинде оролуу акча, алып чыгып кеттим.

- Тим койсоң болмок, каргабагай эле, - Айсалкын кейип кирди. - Биз деле саргайып, керээли кечке отурабыз, кечке болгон соодасын жоготкон байкуш не болду?

- Эми алпарып койойунбу?

- Кой, кокуй.

- Эмне кылайын анан?

- Эми алпарсаң ууру атанбайсыңбы, катып эле кой.

- Керекпи? - деди күлкүсү келе Курманжан.

- Кереги болбой койчу беле, үйдү оңдотобуз, товарга кошобуз.

- Анда ырас эле алган турбайымбы?

- Эмне эле мени шакабалап турасың, ачыгыңды эле айтсаң боло? - Айсалкын кызына ачуулана кетти, - Эмне кылсаң ошо кыл ары!

Курманжан жылмайып тим болду да, ички бөлмөгө кирип кетти. Саамай апасын карап:

- Апа, ажатканага мындай акча менен кирген киши болбойт, бул акча жөнөкөй акча эмес, же уурдалган, же бирөөдөн тартып алган, - деди.

- Анан эмне Курманжан муну уурдап алган дейсиңби?

- Кайдан билем, негизи мындай чоң акча менен жүргөн адам таштамак эмес.

- Балким таап алганы ырастыр, эжем калп айтмак эмес, - Таалай сөзгө аралашты.

- Эмнеси болсо да, катып койо берейинчи, эмне болгонун көрөөрбүз, - деп койду Айсалкын. Курманжан угуп эч нерсе деген да жок.

Айсалкын акчаны алып кирип, сандыгына салып, кулпулап койду да, өз ишине киришти. Курманжандын жоругуна таңгалып: "Өзүмчө сүйлөшөйүн, мында бир сыр бар, кокус уурдалган акча болсо, үйгө койгондо болбойт" деп ойлонуп алды. Кечки тамакты чогуу ичип жатканда, эч кимиси үндөгөн жок. Өздөрүнчө жаткандан кийин Курманжандын жанына акырын барып отурду да:

- Кызым, "ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" деген, мен силер үчүн кабатыр болом ар убак, анткени энеңермин, силердин бактыңар менин бактым… - деп сөз күтүп карап калды.

- Апа, - деди Курманжан апасына карай. - Бул акчаны Шамилден алдым, - дегенде Айсалкын чочуп кетти.

- Эмне дейт, ошончонубу?!

- Ооба, ал дагы элүү миң берет.

- Эмнеге?

- Ал баарына жооп берүүгө тийиш, мен андан алмайынча тынчый албайм, - деген Курманжан терс бурулуп кетти. Айсалкын ойлонуп калды: "Чунак кыз, дагы алам дегени эмнеси, унчукпай эле бере салганын кара, кантип берди экен, балким баласын көргөнгө, акчаны көп бергендир" деп өзүнчө ойлонуп, кызын аяп кетти. Тиричиликтин өзү түйшүк, соодага чыгышат, убакыттын өткөнү да билинбей калат. Курманжан үч-төрт күндөн кийин үйүн оңдоого киришти. Устага керектүүнү алдырып келип, баарын даярдап, уста салып баштады. Айсалкын базарда отурган, Шамил бурула берип эле кайра шарт басып кетти, аны Айсалкын байкаган деле жок, Умсунай көрүп калганга тааный коюп:

- Айсалкын, сен жокто Курманжанга келчү жигит сени көрүп кетип калды, - деди акырын.

- Качан?

- Азыр эле, сен байкабай калдың.

- Мейли, менден тартынса керек да.

- Ыймандуу жигит көрүнөт.

- Багынан көрсүн, - Айсалкын ары-бери түртүшө өтүп жаткан элдин арасын карай ойлуу сүйлөдү. - Балдар эми ким менен сүйлөшөт, кимге мамиле кылат өздөрү билет тура.

- Анан эмне, бизге жаккан аларга жакпайт, ал тургай сөзүбүздү жактырбайт, аман болуп бактылуу болушсунчу садагалар. Экөө бабырашып сүйлөшүп отурушту. Айсалкындын ойлору чачкын: "Эмнеге келди, дагы элүү миң алып келет деди эле, ошону алып келген го, кой эртең Курманжандын өзүн жиберейин, алса алып койсун, кызымды басынтып кеткенине ошол акча татыбайт дагы, же кайра илээшкени жүрбөсүн" деп ойлонуп отуруп, соодага келгендер менен алаксып кетти. Түш оой Курманжан келди:

- Апа, үйгө бара бер, Саамай эжем экөөңөр усталарга көрсөтүп турбасаңар, начар кылып койбосун.

- Уста өз ишин билет, кызым, тамак-ашын бердиңерби?

- Ооба.

- Мен барайын анда.

- Бара бериңиз, - Курманжан ордуна отуруп отура электе эле Шамил пайда болду. Умсунай дагы ажатканага кеткен бойдон келе элек болчу.

- Кандай, Курманжан?

- Жакшы.

- Нурел чоңоюп жатабы?

- Ооба, ашыкча сөздү эмне кыласың, эмнеге келдиң?

- Сени бүгүн сыйлап койойун дедим эле, - Шамил эңкейе калып акырын айтты. - Көңүлүңдү көтөргүм келди.

- Көңүлүмдү көтөрүп бүтпөдүң беле, эми сени менен барат деп ойлойсуңбу, алып келбесең жогол, болбосо берчүңдү бер да жогол!

- Эки күн кийин дебедим беле?

- Анда башка сөзүм жок.

- Жакшы кал, бүрсүгүнү келем.

- Ал сенин ишиң, - Курманжан анын жүзүнө карабай жооп бергенде, ал жини келип жөнөп кетти: "Муну кара, баланы милдет кылып бетине кармап, менден акча талап кылганын, сени жоготуп туруп, баламды өзүм алып кетпесем" деп кекенип баратып, башка ойго келди. Дароо эле фирмада иштеген досуна барды, аны эптеп Курманжан менен тааныштырып, ал аркылуу максатына жетмек болду. Курманжан товарларын жыйнаганы жаткан, Чыңгызды ээрчитип келип аны көрсөтүп коюп, өзү басып кетти. Анткени ага Шамил: "Мени көрсө жинденет, жакын эле агаларымдын кызы, өзүң деле үйлөнүп, ажыраштың го, карындашым жагып калса, сен күйөө бала болуп каласың, сен жакшы жигитсиң, ошондуктан сага көрсөтүп койом, өзүң тааныш" деп ээрчитип келген. Досунун кандай жолго түртүп жатканын, ал түшүнбөдү, өзү дагы үйлөнчү келин издеп бири жакса, бири жакпай жүргөн болчу. Ошол убакта товарларын бүктөп жаткан Курманжан, артына бурула берип, өзүн карап турган жигитти көрдү.

- Саламатсызбы, товарыңызды жыйнап жатасызбы? - деди Чыңгыз күлмүңдөй.

- Ооба, сизге эмне керек эле?

- Аа-а, мага-а шым керек эле…

- Салып койдум, башка жактан караңызчы, - Өз иши менен алек боло жооп берди.

- Менин сизден гана алгым келген да.

- Анда эртең келиңиз, - деп Курманжан жылмайып койду.

- Менин убактым бүгүн гана болгон…

- Анда кечиресиз, башка жактан алыңызчы, шашып жаттым эле.

- Жигитиңизгеби?

- Жигиттер азыр барбы?

- Эмнеге жок?

- Татыктуу жигиттер жок!

- Көңүлүңүз калды беле, сулуу кыз?

- Калбаса дагы билем.

- А балким мени билбейсиз?

- Билгенде эмне…

- Сулуу кыз, таанышып албайлыбы, менин атым Чыңгыз, - деди Чыңгыз ага колун суна.

- Таанышканга көңүл жок.

- Көңүлүңүздү бир жолу буруп койсоңуз.

- Атым Курманжан, - Ары караган бойдон айтты.

- Оо, ушундай бийик атты, ата-энеңиз чоң максат-тилек менен койсо керек, өзүңүз деле Курманжандай болсоңуз керек.

- Атка татыктуу болсо, сиз Чыңгыздай улуусузбу?

- Жетиш кыйын го?

- Мен да ошондоймун, - Аңгыча Курманжан товарларын жыйып, кулпулап бүтүп калды.

- Сиз менен таанышканыма кубанычтамын, - Чыңгыз күлө карады.

- Мен дагы.

- Бирге басалы.

- Жолубуз башка болушу мүмкүн.

- Кайда барасыз?

- Ак-Өргөөгө.

- Анда бөлөк экен, балким бир жерге отуруп, чай ичээрбиз.

- Жок, рахмат, шашылыш элем.

- Дүйнө шашылган жери жок, адамдар бир келген өмүрдө шашып жүрүп, өтүп кетебиз, а жакшы күндөргө ашыкпай жеткен жакшы.

- Баары бир адамдар жашоодо шашпаса, көп нерседен кала беришибиз мүмкүн…

- Туура, бирок өз орду менен. Жүрүңүз парк жакка бир аз сейилдеп келели, өмүр токтоп турбайт, жаштык аккан суудай аркырап өтө берет. "Күлүк күнүндө, тулпар тушунда" деп ата-бабалар бекер айткан эместир, өз убагында ойноп-күлүп калган жакшы. Жаштыгың барда ойноп кал да, күлүп кал дегендей, - Чыңгыз бажырая карады. Чыңгыз чынында жакшынакай жигит, Курманжан анын көздөрүнөн жалтана жер карады.

- Менин бүгүн убактым жок, кечиресиз…

- Ма-акул анда, бир аз эле…

- Мм.

- Курманжан, турмушка чыккансызбы?

- Ооба.

- Жолдошуңуз кайда?

- Өлүп калган.

- Кечириңиз.

- Эчтеке эмес.

- Балаңар барбы?

- Бир уулум бар.

- Жакшы экен.

- Бактылуумун, жакшы барыңыз, мен кетишим керек.

- Узатып койойун.

- Маршруткага ушул жерден түшөм, бара берсеңиз болот.

- Курманжан, жолугушуп туралы, - деп Чыңгыз кыздын колунан кармап турганда, баятан бери аларды акмалап жүргөн Шамил ичи күйүп: "Булар бир көргөндө, сүйүшүп калдыбы, шашпагыла, бириңди-бириңе" деп ызырына акырына чейин карап тура берди.

- Менин ар убак колум бош эмес, көрдүңүз да.

- Эми келип турайын.

- Өзүңүз билиңиз.

- Рахмат, Курманжан, бүгүн бир аз болсо да сейилдеп келсек болмок, шартыңа кара, - деп Чынгыз кыздын колун койо берди.

- Жакшы барыңыз, - деген Курманжан маршруткага түшүп кетти. Чыңгыз колун булгай, саамга карап туруп: "Дурус кыз экен, дагы байкап көрөйүн, шашканда эмне" деп ойлуу күлүмсүрөй кетип баратканда, алдынан Шамил чыга калды.

- Сен али кете элексиңби?

- Жок, кандай, жактыбы?

- Жакты дечи. Дагы байкап көрөлү, турмуш оюнчук эмес, "ойлонбой иш кылсаң, онтобой ооруга жолугасың" дешет го улуулар.

- Да-а, аның туура, эгер жагып калса, менин карындашыма келесиңер да, ээ?

- Сөзсүз, сендей досум турганда… - Экөө каткыра Шамилдин машинасына отурушту.

- Сен өзү быйыл үйлөнмөксүң да, ээ?

- Ооба, колоктобой үйлөн деп жатпайбы атамдар.

- Туура айтат.

- Мени үйгө жеткир эми.

- Ал сөзсүз да.

- Курманжан кандай жакын, Шамил? - деп Чыңгыз сураганда, Шамил эмне дээрин билбей такала калды да:

- Досум, мен жөнүндө ага айтпай эле кой, аны күйөөсүнө ала качтырган мен болчумун, мени ошондон кийин жек көрөт, агасы деле эмесмин. Базарда соода кылып жүрүп, сыртынан тон бычып койгом, жаштык да, өзүм алам деп, калп айтып тааныш балага ала качып берип коюп, ошол бойдон мен ага көрүнбөйм.

- Аа-а, ошондой де, күйөөсү өлүп калган тура.

- Эмне? - Шамил чочуй карады, катуу бараткан машинанын тормузун тепкенин байкабай калды, аз жерден арттагы машине менен кагышып кала жаздады.

- Ооба, сен укпаган турбайсыңбы, баласы бар экен.

- Ошондой дедиби?

- Ооба.

- Чынында билбейт экенмин, өлгөн дедиби? - деп Шамилдин жолду карап бараткан жүзү бир кызарып, бир бозоруп: "Мен аны никелеп албагандан кийин кандай айтса өзү билсин, балага дагы атаң өлгөн деп айтат экен да анда, менин тукумум таптакыр башка элдин кулуну болуп өсүп, жетимдин күнүн көрөт тура" деп кыжаалат болуп кете берди. Чыңгыздын андан кийинки сөзүнүн бирин укса, бирин укпайт. Жолдон көзүн албай, ойлору менен алек болуп кетип баратты. Чыңгызды үйүнө түшүрүп эле өзүнчө бир ээн кафе-барга барып, пиво ичип отурду: "Мен Курманжанды сүйөт окшойм, болбосо неге аны көргөндөн бери, өзүмчө жаман акыбалда калдым. Зебинисаны деле жакшы көрөм, эки уулум турат, мейли, менин балам дүйнөдө жалгыз бекен, колумдагы балдарга татыктуу тарбия берсем болду, аялымды кадырлап алайын, жаңылып-жазбаган пенде барбы" деген чечимге келди да, үйүнө жөнөдү. Ал келгенде Зебиниса тамагын даярдап, күтүп отурган экен.

- Эмне мынча кеч? - деп сурады машинесин токтотоору менен.

- Жумуш, байбиче.

- Кийинки кездерде сен абдан ойлуу болуп баратасың.

- Кайдан билдиң, чарчагандыкы го? - Ичкериге ээрчише кирди.

- Түнкүсүн уйкуңдан ойгонуп, чылымды көп чекчү болдуң, буга баягы келген карындашыңдын тиешеси барбы деп ойлойм.

- Эмнеге антип ойлойсуң?

- Баласынан шегим бар, кечээ ресторанга барып, сейфтен акча алып кеткениңди билдим, Аргендин тоюна деген акча дагы жок го?

- Зеби, акчаны атайын алдым, керек болуп калды, ал эми карындашымдан күмөн санаганың туура эмес.

- Мен сураштырып жатам, эгер дал ошол карындашың эмес болсо, Шамил, мени кармап калам деп ойлобо! - деп көздөрүн акшыйта алдына тамагын түртүп койду. - Балдарды алам дагы төркүнүмө кетем.

- Тамакты тынч ичирбей эмне деп эле башты оорутуп жатасың? - Шамил ага ачуулана карады.

- Эми ойлоп көрсөм, мен Россияда жүргөндө сен жөн эле жүргөн эмессиң, ошол соо келген жок, атын деле сурабапмын, кокус көрсөм, аялдарча сүйлөшмөкмүн.

- Кой, Зеби, тынчтык берчи, абдан чарчап турам, эс алайын, - деп ордунан турмак болгондо:

- Мен үчүнбү же ошол келин менен балаң үчүнбү?

- Силер үчүн да, кайдагы бирөөнү айтпачы, Зеби.

- Эми аның кайдагы болуп калдыбы, кечээ эле карындашың болуп жатпады беле? - деп сөз бербей ажылдаган аялынан кутулуш үчүн ичке кирип, жатып алды: "Бул сезип калган экен, эми кандай болуп кетет, бул балдарымдан да, тигил баламдан да жок, талаада калбасам болду, ушунун баарына Курманжан гана күнөөлүү, сени жоготпосом болбойт" деп ойлонуп жатты. Зебиниса жанына келип жатып алып да, ар кайсыны сүйлөдү, үн катпады, эртеси таң атпай кетип калды.

Чыңгыз эртеси да келди, Курманжан экөө сүйлөшүп, көпкө турушту, анын эртеси да келип, жагынуунун амалын издеп жатты. Курманжанга дагы анын ар бир мамилеси, турган турпаты, сүйлөгөн сөздөрү жагып, өзү жактырып калды. Эски тааныштардай күлүп-жайнап, мамилеси тереңдеп баратты. Ортодон болгону жума өткөнүнө карабай, экөө бири-бирине тартылып, көрбөсө тура албастай абалга келди. Ошол күнү дагы Чынгыз товарын жыйаарда келип:

- Курманжан, бүгүн жакшы оюн болот экен, барып келели, - деп калды.

- Макул, каршы эмесмин.

- Анда эртелеп баралы.

- Мына мен даярмын, - Чыңгыз ага жардам берип, экөө бат эле бүттү да, спорт сарайга жөнөштү, алар келгенде концерт али баштала элек болчу. Эл көп, экөө сыртта тал түбүндө сүйлөшүп турушту.

- Курманжан, мен бир сөз айтсам таарынбайсыңбы?

- Эмнеге, айта бер.

- Мен сени жактырып калдым.

- Чынбы?

- Чын.

- Ишенбейм, - Курманжан кыткылыктай күлүп калды. - Эркектер бир-эки жолугуп, таанышкандан кийин эле ошентишет.

- Көп жигиттен уктуң беле?

- Жо-ок, деги айтам да, эркекмин дегендердин тил учундагы сөзү: "сүйөм", "жакшы көрүп калдым" эмеспи.

- Анда мен сени жаман көрөм!

- Эми ишендим, - Экөө тең күлүп калышты.

- Курманжан, үйлөнүп алалы.

- Эмнеге?

- Үйбүлө куруш үчүн.

- Өкүнбөйсүңбү?

- Жок, бактылуу болот элем, эгер сен макул десең.

- Эмитен айтуу кыйын го?

- Неге?

- Бири-бирибизди билбейбиз да.

- Мындан ашык билүүнүн кереги эмне?

- Дагы сүйлөшөлү.

- Макул, сен качан макул болсоң ошондо.

- Өмүр бою макул болбосомчу? - Сынай жылмая карады.

- Күтө берем.

- Жүрү, эл кирип жатат, - деген Курманжан Чыңгызды колдон ала, чуркаганын өзү да байкабай калды. - Бол эрте, алды жагынан орун алып алалы.

- Биздин орун ансыз деле алдыда.

- Мейли, тыгынга калбай эрте кирели.

- Али баштала элек, эң артында кирсек кандай болот, ыя?

- Эмнеге?

- Жайма-жай киребиз да.

- Ма-акул анда, - деп жыйылган элдин четинде, түртүшө кирип жаткандарды карап туруп калышты.

- Андан көрө циркке барсак болмок, - Курманжан Чыңгызды карады.

- Эмнеге?

- Мен циркти жакшы көрөм.

- Эртең циркке барабыз.

- Чын элеби? - Курманжан көздөрү күлүңдөй карап койду, ошол кезде эл суюлуп калыптыр, экөө концертке киришти. Биринин артынан бири жаш ырчылар чыгып, сахнада секирип ырдап элди эс алдыргандын ордуна тажатып ийишет. Жыйырма биринчи кылымда жашап жатабыз деген жаштар гана ышкырып-кыйкырып колдогону болбосо, орто жашагандар жактырбай, кээси кетип жатты. Чыңгыз менен Курманжан антракт болгуча отуруп, анан сыртка чыгышты.

- Биздин жаштар чыгышты туурап эмне кылышат дейм да?

- Искусствого жаңылануу киргизип жатышпайбы? - Чыңгыз күлүп койду. - Кээси окшоштурат бир аз, кээси үнү болбосо деле эптеп фонограмма менен ырдаганды да окшоштура албай жылдыз болуп кетишкенин кантесиң.

- Мен бала кезде Рыспай Абдыкадыровдун ырларын уккандан тажачу эмесмин, өзүм жакшы билбесем да обондорун жакшы көрөөр элем.

- Алар кайталангыс таланттар да, Аксуубайдын ырларычы?

- Ооба, азыр ырчымын дегендер толтура, татыктуулар аз, куудулдар деле көчөдөгүнү туурашат, баштакыдай айтыштар анча болбой калды, - Сүйлөшүп келе жатып, аялдамага келип, такси кармап экөө бир түшүп алды. - Оой, сен кайда?

- Кайненемди көрүп келейин.

- Койсоңчу?

- Чын эле.

- Анда мен түшүп калайын.

- Тамаша, сени өзүм жеткирип келем.

- Болуптур эми, - Курманжан Чыңгызды карап жылмайып койду. - Караңгыда тонолуп калба?

- Кабатыр болбо, - Такси зымырап кетип жатат. Ак-Өргөөгө жетип, эки-үч көчөдөн өткөндөн кийин:

- Мен келдим, - деди Курманжан. Ал түшкөндөн кийин Чыңгыз өз үйүнө айдатты. Курманжан үйгө киргенде баары уктап калган. Ал акырын кирип жатып калды. Эртең менен эрте турган Айсалкын кызынын ордунда жатканын көрүп ойготту.

- Тур ай, кыз.

- Апа, бир аз жата турайынчы.

- Тур деп жатам, түндөп кайда жүрдүң?

- Апа, концертке бардым.

- Айтып кетпейт белең, жаныңда бир топ акча болсо, сенин мунуң кантип болсун?

- Апа, урушпачы, - Курманжан керилип-чоюлуп отурду да, - апа, турмушка чыгам, - деди.

- Эмне-е? - Эне кызын оңурая карап калды. - Шамилгеби?

- Ой, жо-ок, андан башка жок бекен эмне? - Курманжан таарына түштү. - Жакшылап сырымды айтып, сүйлөшөйүн десем, кайдагыны айтасың.

- Ким экен, кайда иштейт, ата-теги кайдан экен, эми жаңылбай турган болсоң эле болду, мен сенин бактылуу гана болушуңду каалайм, - Айсалкын кызын кучактап, бооруна кысты, жүзүнөн өөп, - каралдым ай, ушу силердин бактылуу жүзүңөрдү, жаркылдаган күлкүңөрдү көрсөм, мен бактылуу өмүр сүрмөкмүн.

- Апа, ата-энеси бар экен, мурда аял алыптыр, бир фирмада менеджер болуп иштейт.

- Мейли, кызым, багың ачылсын, качан алып кетем дейт?

- Мен макул болгондо, - Курманжан жылмайып койду.

- Ошону менен бактылуу болооруңа көзүң жетсе, көп созбо, кызым, өз учурунда кармап кал, балам, - Айсалкын ойлуу кызына карады. - Анда сенин төшөктөрүңдү даярдайын, Саамай экөөбүз кийим-кечеңди, бүт алып койо берели, ээ?

- Мейли, апа, алып койо бергиле, кийимди болсо өзүм алам, жакпаганын алып койосуңар, - Эне- бала кубанычтуу сүйлөшүп отурушканда Саамай келди.

- Эмне жаңылыгыңар бар?

- Анан өзүм айтып берем, - Айсалкын туруп сыртка баратып, - сен эми жумушуңа бар, кызым, - деди.

- Ооба, - деп кийимдерин кийине кыялданып жатты. Көз алдына Чыңгыздын элеси келип: "Мен Чыңгыз менен бактылуу болоорума ишенем, ал эч качан алдабайт, жүрөгүм сезип турат" деп эргий сыртка чыкты. Ал ордуна келээри менен Умсунай менен жаркылдай учурашып, анан товарын жайды. Эки көзү элдин арасында, Чыңгыз көрүнө калгандай болуп, элеңдей карайт. Түш оой Чыңгыз келди.

- Салам!

- Салам.

- Кандай отурасың?

- Жакшы.

- Курманжан, бүгүн циркке барасыңбы?

- Барам, жаныңда болсом, бүт дүйнөнү кыдырууга даярмын.

- Анда кеттик, мен бир сааттан кийин келем, ээ?

- Макул, - Экөө ошентип сүйлөшүп турганда, Зебиниса эки жакты карай өтүп бараткан экен, Курманжан эңкейип калды.

- Сага эмне болду? - Чынгыз аны карап таң калгандай сурады.

- Эч нерсе.

- Мен келгенче даяр болуп тур, ээ?

- Дайым даярмын, - деп күлө карап калганда, Зебиниса маңдайына келди.

- Кандайсың, кайынсиңди?

- Жакшы, - Курманжандын өңү бузула түштү. - Өзүңөр кандай?

- Мен сени менен өзүнчө сүйлөшмөк элем, - деди Зебиниса эки жакты карай, анын Шамилдин аялы экенин Чыңгыз деле таанычу эмес.

- Кайда баралы? - деди Курманжан дагы өзүн кармана.

- Мүмкүн болсо, эл жок жерге барсак, жакшы болот эле…

- Ал үчүн ээн жерге эле барыш керек го?

- Жок, анда ушул эле жерден…

- Жок-жок, - Курманжан шашып кетти.

- Анда мен тигил босогодо турам, барып кал.

- Макул, - деген Курманжан кыжаалат болуп, Умсунайга карады. - Эже, бир аз көз сала туруңузчу.

- Бара бер, карабай анан, кыжаалат болбо.

- Жүрү, - деди Чыңгыз дагы өчөшкөндөй аны колдон ала. - Мен андан ары кетейин, бул ким деген келин?

- Мен да тааныбайм.

Чыңгыз менен Курманжан ээрчише чоң проходго чыкса, Зебиниса күтүп турган экен. Ал Курманжанды карап, бир азга көз токтотту да:

- Сен кимсиң? - деди ороюраак.

- Мен адаммын, көрүп тургандай.

- Адам экениңде шек жок, бирөөнүн үйүнө жалган айтып барууга эмне түрткү болду, аялдарча сүйлөшөлү, - Аларды Чыңгыз ары жакта туруп, сөзүн угуп, карап турду.

- Мен өз намысым үчүн бардым, адам болуп басып жүргөн алдамчынын кандай үйбүлөсү, жашоосу бар экенин көрөйүн деп баргам.

- Ким алдамчы?

- Шамил алдамчы, төрт жыл мурун цехтен подреалга товарларды алып кетип, ошол бойдон таптырбай кеткен, жакында сотко берем.

- Канча?

- Он эки миңдик, - Курманжан дароо эки эселеп айта салды.

- Балким, балаңды сүйүнчүлөгөндү да унутпагандырсың? - Зебиниса аны кекээрлей сурады.

- Ооба, аны да атайын алып баргам, иги-жиги билинбей качып кеткен акмакты, эми соттон гана көрөм! - деп Курманжан тартынбай жооп бергенде Зебиниса бир азга токтой калды.

- Атың ким эле?

- Курманжан.

- Курманжан, аялдарча сүйлөшөлү, сен да, мен да аялбыз, энебиз ээ, ошондуктан бири-бирибизди түшүнүшүп, сөзгө келели, мен ошондо Москвада болчумун, ал бул жактан товар ташып берчү, мен акчасын салып турчумун, мындай болоорун билгенде, өзүн эле жөнөтсөм болмок экен. Сотко берем дебе, адамча сүйлөшөлү, ошол акчаңды үстөгү менен берейин, үйбүлөмдү тынч кой, керек болсо, балаңды өз баламдай көрөйүн.

- Балам багылбай калган жери жок.

- Түшүнөм дечи, бирок менин балдарым менен катышып, бири-бирин биле жүрсүн.

- Эч нерсени билгизбейм, мен ага атаң өлгөн деп койгом.

- Ал өз ишиң дечи, - Зебиниса жумшак сүйлөп, аны сөзгө келтире албай жатты, анткени Шамил ага акча бергенин айтпай: "Сотко берсе, ансыз да камалып кетишим мүмкүн" деп баласы менен акча жөнүндө айтып жөнөткөн эле. Ошондуктан күйөөсүн сотко жеткирбей сактап калмак болду оюнда. - Жаңылбаган жаак болбойт, Шамил жаңылып калыптыр, жаштыгыбы же мастыгыбы, мен да эки балам үчүн кечирдим, - деди.

- Кечирүү-кечирбөө өз ишиң, мен адвокат менен сүйлөшүп, арызды даярдап койгомун.

- Он эки миңдин үстүнө, жыйырма миң кылып берели, арыз жазба, балдарым, боюмда дагы бар, үйбүлөмдүн сакталып калышы үчүн ушул жолго бардым. Мен деле балдарымды алып кетип калмакмын, өзүң билесиң бир үйбүлө өзүнчө бир шаар, шаарымды бузгум келбейт.

- Жыйырма миң эмес, элүү миң бересиңер, болбосо арызды сотко ашырамын, апам ошол акча үчүн канча нервтенди, менин денсоолугума зыян келди, намысымды тебеледи, ал мага аялынын барын айткан эмес, үйлөнөм деп алдаган, - деп Курманжан тилин тартпады. Талашып-тартышып көпкө турушту, акыры отуз миңди Зебиниса өзү алып келип бермек болуп бүтүштү. Зебиниса кеткенден кийин Курманжан анын артынан көпкө карап туруп, анан: "Демек аргасыз айткан экен, өлүп кеткир десе, мен өз өчүмдү, кегимди алсам болду, Чыңгыз албаса эрсиз калмак белем, кандай ойлосо, ошондой ойлосун" деген чечимге келди. Ал ушинтип, ойлуу бурулаары менен бет маңдайына келип калган Чыңгызды көрдү:

- Келип калдыңбы? - деди анын кетпей турганын байкап турса да, билмексен болуп.

- Жок, келбедим.

- Кеткен жок белең?

- Ооба.

- Демек баарын угупсуң да?

- Ооба, - деди күлүңдөй. - Боло берет баары турмушта, сени миң эркек эмес, бир эркек билет, эгерде миңи билген болсо да, сенден баш тартмак эмесмин.

- Бул чындыкты сенден жашырып койгонум үчүн кечир, Чыңгыз, эми мен сени менен эч жакка барбайм, башкадан изде бактыңды, - деп Курманжан басып кетээрде Чыңгыз карыдан алды.

- Токто, өткөн иш үчүн мен сени эч качан күнөөлөбөйм, Шамилди болсо билем, мен анын далай кылмыштарын билип жүргөм.

- Муну менен эмне дегиң келет, Чынгыз?

- Сен экөөбүз үйлөнөбүз?

- Кантип?

- Ушинтип эле, азыр циркке барабыз, товарды жый.

- Жаңылышып калам деп коркпойсуңбу?

- Жок, андай болушу мүмкүн эмес.

- Кечирип кой, мен өзүмдү ирээтке келтирип алайын, бүгүн эч кайда барбай ойлоноюн

- Ойлонуунун кажети жок, мен сени эс алдырам.

- Мынчалык неге көксүң? - Жылмаюуга аракеттенди.

- Көк эмесмин, сөзүмө турган жигитмин.

- Кечир!!! - деп Курманжан Чыңгыздын көкүрөгүнө башын жөлөй буркурап ийди. - Кечир мени, Чыңгыз.

- Жинди десе, сенин кылмышың кайсы, кечирим сурагыдай эчтеме жок, жүрү кеттик. Цирк көрөбүз, - деп колтуктап, ордуна барды. Умсунай бир топ кийим-кечесин сатып койгон экен, акчасын санап берди да:

- Мынча кечиктиң? - деди.

- Жумуш, эже, бир зарыл иш чыгып калды, апама эч нерсе айтпаңыз, суранам.

- Айтканда эмнени айтмак элем, эч кам санаба.

- Рахмат сизге.

- Эчтеке эмес.

- Мен азыр кете берейин, эже, - деп Умсунайга эңкейе шыбырады. - Ушул жигит күйөө балаңар болот, азыр циркке баратабыз.

- Болсун, кызым, болсун.

- Эмесе эртеңкиге чейин.

- Аман бол.

- Мен эртең чыкпайм, эже, апам дагы.

- Болуптур, кызым, келгениңерче зеригем го? - Умсунай күлүп калды. Чыңгыз экөө эртелеп циркти көздөй жөнөштү.

- Адегенде тамактанып алалы, ээ? - деп Чыңгыз Курманжанды карады.

- Макул.

- Капаланба, баары жайында болот, биз бактылуу болобуз, өткөндү эстей бербе, адам баласынын башынан эмнелер гана өтпөйт, - Чыңгыз аны жылмая карап, кафеге киришти. Экөө отуруп тамактанышты, жай сүйлөшүп отурганда саатын карап, - Оюн башталаарына аз калды, тезирээк жетели, - деп эсептешти да, кафеден чыгып баратты.

- Чыңгыз, эч жакка барбай эле бир аз сейилдеп, анан кете берели.

- Эмнеге?

- Эч нерсеге көңүлүм жок.

- Сен көп ойлонуп жатасың го?

- Ойлонгон деле жокмун, айтпай кеткениме апамдар кыжаалат боло беришет, менин жүрөгүм ооруп турат.

- Ма-акул, алтыным, анда бир аз парк айланалы, - деди Чынгыз. Жай басып, парктын ичиндеги оюндарды көрүп, андан ары отургучка отуруп, унчугушпай отура беришти.

- Чыңгыз, - деди көптөн кийин Курманжан.

- Оов.

- Сен мени аяп жатасыңбы же табалаппы?

- Эмнеге? - Түшүнө бербей карап калды.

- Биз бири-бирибизди көргөнүбүзгө эки жума боло элек, сен укпаган дагы кандай сырым же кыял-жоругум бар экенин билбейсиң, эмнеге мага үйлөнөм деп жатасың?

- Ой, жинди десе, мен сени өзүм тандадым, кааладым, көңүлүмө сен толдуң, ошондуктан сага үйлөнөм.

- Сүйүүсүз жашоо кыйын дешет, качандыр бир кезде башка бирөөнү сүйүп калып, таштап кетсеңчи?

- Андай болбойт, сени менен өмүрүмдүн аягына чейин жашаймын, өлүм гана болбосо, башка бөлө албайт.

- Кайда-ан…

- Ишен, жаным, буйруса эмки жумада үйгө алып кетем.

- Ошончолук тезби?

- Боло турган нерсенин эртеси жакшы эмеспи, эмнени күтөбүз?

- Апамдар эмне дешээр экен?

- Кызды илгертен уурдап алат, анан ата-эне кайда барат.

- Чыңгыз.

- Угуп жатам.

- Сен сүйдүң беле?

- Жок.

- Эртеби-кечпи адамга сүйүү келет дешет, сен бирөөнү сүйүп, мени таштап кетчүдөй сезип, ишене албай жатам.

- Өзүң бирөөнү сүйдүң беле?

- Ошо сүйүү деген нерсени билбегенимден сурап жатам.

- Сүйүү деген, - Чыңгыз сөөмөйүн чычайта, - Сүйүү деген балдай таттуу, гүлдөй назик, ааламдай чалкыган кең, оттой ысык, асмандай түпсүз болот, бийиктигине колуң жетпейт. Ысыгына күйгүзөт, суугуна тоңдурат, кайраттуу адамды коюнуна катып, силостой эзип, дайрадай агымына агызган күчтүү, кудуреттүү нерсе, - деп күлүп калды.

- Мага окшогонду кабылтса, заматта жок кылчудай го?

- Сен күчтүүсүң, жаным, баарына чыдайсың, көтөрө аласың.

- Кайдан билесиң? - Күлүмсүрөй карады.

- Мен сени бир көргөндө эле билгемин, менин жаным болооруңду. - Ийинине колун артып жылмайды. - Сен менин бактым болооруңду да сезгем.

- Кызык, адамды бир көргөндө билип койсо болобу?

- Албетте, билип койсо болот, сен аябай мээримдүү эне болосуң, мага күйүмдүү жар болуп, түбөлүк бактылуу жашайбыз.

- Рахмат сага, мага ушунчалык ишенгениңе ыраазымын, Чыңгыз.

- Арзыбайт, жаным, ата-энем да кубанып калсын сендей сулуу келиндүү болгонуна, - Колдорунан кармап өөп койду.

- Эмесе туралы, мен барайын.

- Болуптур, жаным, мен сени өзүм узатып койойун, - Экөө парктан колтукташа чыгып, чоң жолду көздөй басышты. Аялдамада көпкө туруп, троллейбус келе жатканда:

- Жакшы эс ал, көрүшкөнчө, Чынгыз, - деди Курманжан жылмайып.

- Көрүшкөнчө, сени көрүп, үйгө кетким келбей турат, сени менен эле бирге болсом жаным тынч, коштошкум да келбейт.

- Чыңгыз.

- Оо-оув.

- Чын эле ошончолук жакшы көрөсүңбү?

- Ишен, жаным.

- Мен дагы, мен дагы сени жакшы көрөм.

- Жанымдан артык көрөм го? - Бооруна бекем кысып койду эле, Курманжан андан бошонуп баратып, бетинен өөп койду.

- Ко-ош!

- Жакшы бар, - Чыңгыз кубанычтуу күлүңдөй троллейбустун артынан көпкө карап турду: "Мен Шамил менен жолугушум керек, ал акмакты буга экинчи жологус кылам, аны көргөн сайын кыйнала берип, кандай жашайт Курманжан, аялы деле жакшынакай, акыл-эстүү неме экен, кыздардын убал-сообун ойлобогон акмак десе, мага тааныштырып койгонун кара" деп ойлонуп, жерге түкүрүп, сөгүнүп алды да, басып кетти.

Чыңгыз анын ресторанына келгенде кеч күүгүм болуп калган. Экөө салкын учурашты.

- Шамил, сени менен сүйлөшө турган сөз бар.

- Жайчылыкпы? - Керсейе сурады.

- Жай болсо, башка күнү келмекмин.

- Айта бер, биер коопсуз.

- Ушул чынбы?

- Эмне, туюктатпай ачык айт.

- Өзүң билесиң, кыйшактабай түз айт!

- Доңуз белем, сенин эмнени айтаарыңды кайдан билем?

- Катының туруп, канча кыздын убалына калдың, эми катыныңды ортого салбай, өзүң бүтүрбөйт белең, эркек болсоң.

- Эркектигиме тийишпей сүйлө, өзү кыйшаңдаган кыздарга сенин эмнең кетип жатат, андай кыйын болсоң сен бүтүрүп кой! - Шамил ары бурулмак болгондо Чыңгыз аны кекиртектен алды.

- Мен бүтүрчүдөй мен алып, жатып жүрдүм беле?!

- Анда кийлигишпе.

- Кийлигишмек тургай өзүм алып берем, менин адвокаттык ишим бар экенин билесиң.

- Билем, эмне кыла аласың?

- Түрмөгө чиритем!

- Колуңдан келсе, койнуңа бир алып жатып, убада бергенсиң го? - Мыскылдай күлдү.

- Бас жаагыңды, Курманжан андайлардан эмес, сенин башка кылмыштарыңды да жакшы билем, түрмөгө түз эле киресиң, мынабу ресторанды кандай кылып алганыңды билбейт деп жүрөсүңбү?

- Эмне-эмне, сен менин ишиме тийишпе!

- Документи менин колумда, кайсыл жылы салынганы, кимге тиешелүү экени мага дайын, сен бир байкушту коркутуп туруп, кол койдуруп алганыңды ачып берсем, сураксыз кетесиң!

- Чыңгыз, булардын баарын сага мен түшүндүрүп берем…

- Мен сени эмес ээсин түшүнөм, - деди да, колун тартып алып, анан: - Эсиңде болсун, аялыңды аралаштырба, Курманжанга берчүңдү мага бересиң, Эгер ошого жолой турган болсоң, мен жөн турбайм, эсиңде болсун! - деп чыгып кетти. Шамил унчуга албай кала берди. Ордунда көпкө турда да: "Энеңди урайын шуркуя, буга да айткан экен, көзүн тазалабасам элеби, экөөнү тең кошуп" деп сөгүнүп, ызаланып алды. Үйүнө кечинде келгенде эки уулу эки жагынан чыгып, эркелей:

- Ата, ата дейм, апам ыйлады.

- Апам жана ыйлады, - деди эч нерсеге түшүнө бербеген, байоо немелер.

- Эмнеге ыйлады?

- Билбейм.

- Ооба, жатып алды, - дешип, эки колунан кармай үйгө киришти.

- Зеби!

- Апа, атам келди.

- Атам келди! - дешкенине карабай, андан үн чыкпады, төркү үйүнө кирсе, чүмкөнүп жатып алыптыр.

- Зеби, сага эмне болду? - деп үн салды Шамил. - Тур, балдарды коркутуп, эмнеге ыйлап жатасың? - Шамил үстүндөгү жамынган төшөгүн тартып алса, чачтары саксайып, мас болуп жатыптыр. - Сага эмне болду, эмне болуп калгансың?

- Ыя, менби, мен масмын, сен менин жүрөгүмдү ооруттуң, эми эмне болду дейсиң, билбейсиңби эмне болгонун? - деп өйдө болду.

- Койчу эми, баарын сүйлөшпөдүк беле, ал өзү жармашкан дедим го, кечирчи мени, бирөө бул кебетеңди көрсө эмне дейт? - Өйдө кылып, чачтарын сылай жүзүнөн өптү. - Кечир мени, Зеби, мен акмактык кылып койдум, мынчалык болбочу?

- Эмне болуптурмун, жакпай калсам бара бер, баш ооган жагыңа, мен башынан жакпайм сага, болбосо, ар ким менен жүрөт белең, мен Курманжандын ордунда болсом, мындай кыла алмак эмесмин, ал кыйын экен, сен экөөбүздү тең акмак кылып кетти!

- Болдучу эми, өлүп кетсин ошол.

- Көрдүңбү, ал бизди сызга гана отургузат, сенден эле эмес бизден да өч алды, - деп Зебиниса сүйлөй берди. Тажап кеткен Шамил аны жаткырып коюп, сыртка чыкты: "Энеңди урайын десе, үйдү кайдан таап алды деги, ал мени түтүндү түрө кыдырып издеп жүргөн го, эми эмне болот? Чыңгыз дагы жөн жатпайт, жоголгон документ ошондо болсо керек, эгер түп нускасы болсо, жалган документти жокко чыгарып, мен жоопко тартылам" деп эшигинин алдында басып жүрө берди, ичке кирсе эле аны аялы тытып жечүдөй тынчы кетип жатты. Бир кезде улуу баласы Арген чыга калып, машинасына отурмак болду:

- Ата, ачып берчи отурам.

- Апаң уктадыбы?

- Жок, дары ичти.

- Эмне, дарыны эмнеге ичти?

- Билбейм.

- Отура бер, ачык таштаба, - деп үйгө шашыла кирсе, Зебиниса толгон дарыларды ичип, саксайган бойдон диванда жатыптыр. Коркуп кетип, жанына аттап-буттап жетип:

- Зеби, көзүңдү ач, дарыны эмнеге ичтиң? - деп жакка чапкыласа да, башы шалактап оозунан көбүк агып калыптыр. Көтөрүп алып, машинасына салды да, ооруканага жөнөдү. Эки баласын да алып алды. Ооруканага алып келгенде куса баштаган. Эртеси зорго өзүнө келди. Ата-энеси да жетип келишти, себебин уккан кайненеси Шамилди жаактан ары бир чапты.

- Уятсыз, менин кара чечекейимдей болгон жалгызымдын көзүнө чөп салчу сенсиңби, ыя! Мунун төрт агасы сени бир эле чаап өлтүрүп салат, кокус бирдеме болсо, сени тирүүлөй сойом!

- Кечириңиз, апа, - деп башын жерге салганда кайнатасы келип:

- Бүгүндөн ары Зебинин жанынан көрбөйүн, үйдөн кеткин, балдарга тийчү болсоң, сени өзүм соттотом! - деп жекире карады.

- Менин күнөөмдү кечиргиле, ата, апа, мен Зебисиз жашай албайм, - деп башын жерге салган күйөө баласын заардуу көздөрү менен аткан энеси:

- Ийи, жашай албасыңды көрсөттүң, оозуңду басып үйдөн чыгып кет, кызыма тең эмесиңди эбактан билчүмүн, - деди булкуна. Ошол убакта Шамилдин ата-энеси менен иниси келип калды.

- Кокуй, айланайын, деги эмне болуп кетти, Зеби жакшыбы?

- Жакшы экенин балаңардан сурагыла! - деп чоюштады апасы.

- Капырай, кудагый, түшүндүрүп айтчы деги?

- Зебиден ашык катын алат экен, балаңды азыр алып кет да, экинчи көзүмө көрүнбөгүлө, эки баласы менен өз оокатын өзү кылат.

- Эмнеге, ботом, балдары турса, эмнеге минтип жатасыңар, мен келинимди көрүп чыгайынчы, - деп палатанын эшигине барды эле апасы тосуп алды. Зебинисанын апасы Чубаркан алкынган аял, колдорунда жогунан куда-кудагыйын анча теңсинчү эмес.

- Куда, - деди Шамилдин атасы кудасына келип. - Куда, кудагыйдын бул эмне кылыгы, келин, бүлө меники, неберелерим турат, Шамил биз менен кайда бармак эле, мээнет кылып салган үйү турат, ооруп калганы үчүн дагы ушунча күнөөлөйсүңөрбү?! - дегенде Камчыбек:

- Күнөөлүү болсо, күнөөлөбөгөндө эмне кылат, балаңдан сура аны! - деп терс бурулду.

- Уулумдун күнөөсү барына ишенбейм, - деди Гүлүм кудагыйына карап.

Эки кудагый урушуп жатканда, медсестра чыгып, аларды тыйып койду. Гүлүм палатага кирип келди эле, Зебиниса аны көрүп, ары бурулуп кетти.

- Айла-анайын, жакшы болуп калдыңбы, эмне болуп кетти деги? - деп өзүн жаман көргөнүн сезип турса дагы, бетинен өөп, жанына отурду.

- Сурабагылачы, жалгыз болгум келип жатат, - деп көзүн жумуп алды.

- Балам, антпе, садага, балдарымды жаман болсун демек белем.

- Балаңыздын мага кереги жок, Шамил көзүмө көрүнбөсүн!

- Кой, балам, эки чырактай балаңар турат, аял киши - эне, а эне баланын бактысы, келечеги үчүн жашайт.

- Жашабайм дедим го мен! - Зебиниса кыйкырып ийгенде Чубаркан кирип келди.

- Деги жанын тынч койосуңарбы, ыя, түштөн кийин күйүмүш этип калганын кантейин, кызымды тынч кой да, жолуңа түш!

- Мени жолума түшүрө койчудай, сен кимсиң, ыя?

- Экинчи булардын жанына жолобогула, кызымды ажыраштырам!

- Сиздер көчөдө жүргөн жоксуздар, бул жерди оорукана дейт, сыртка чыгыңыздар, - деди сестра кирип келип. - Оорулуулардын тынчтыгын сактаңыздар.

- Кечирип кой, садага, - деп Гүлүм акырын чыгып кетти. Коридордо топ-топ болуп тургандарды көргөн дарыгер акырын басып келип:

- Бул жерде турганда эмне, кызыңар жакшы, келип тургула, эки күндө үйүнө чыгарабыз, - деди.

- Рахмат, балам, колуңар дарт көрбөсүн, - деп Бегалы алкай кемпири Гүлүмдү, эки уулун ымдай ооруканадан чыгышты.

- Буларыңдын түрү эмнеге бузулуп калган, урушуп калдыңар беле? - Гүлүм Шамилди карады. - Ушу текеберлигинен бирди көрөт бу өлүгүңдү көрөйүн, балаңды алып кете бер дегенин көрсөң мунун.

- Сен эмне дедиң эле? - Бегалы да уулун суроолуу карады.

- Эчтеке, - Шамил бурк этип койду.

- Ички-тышкы сырыңарды билбесек, урушуңарды көрбөсөк, алкынган кудагыйдын ээн сөзүн качанкыга угуп жүрө берем, ыя?

- Эчтеке болгон жок дейм, - Шамил дагы бурк этип, машинасына отуруп айдап жөнөдү. - Менин күнөөм болсо, айдап ийсин.

- Эй, бала, татынакай уулдарың турат, анча-мынча сөзгө терикпей тынч жаша, эми жаш эмессиң, отуздан аштың, Зеби деле жакшы келин, апасынын сөзүнө кире коюп жатпайбы, - Гүлүм ага кайра акылын айтып кирди. - Балдарың томсоруп калбасын, атадан-энеден мээрим көрбөй чоңойсо, жаман болуп калат.

- Кайда барышмак эле, жашашат да, - деди Бегалы жай гана.

- Жеңем өзү чечет да, ата-энесинин тилин алгыдай ал деле жаш эмес, - деп сөзгө аралашты Шамилдин иниси Камил. - Ал деле энеси да, балдарын таштамак беле?

- Үйгө айда, келин келгиче мен үйдө болоюн, - деп Гүлүм айтканда Шамил:

- Апа, аларга теңелип эмне кыласыңар, Зеби келсе өзүбүз сүйлөшөбүз, - деп жолдон көзүн албай айтты, анткени өзү жөнүндө айтса, анык урушуп тилдемек, ошондуктан үйүнө алып баргысы келген жок.

- Келин келгенде келесиң да, эки күндө чыкса, акыйлашып отура бермек белең, - деди Бегалы кемпирине.

- Өзүм эле табышып алам, кабатырланбай эле койгула, - Ошону менен унчугушпай калышты. Шамил аялынын кылыгына жини келди, адегенде ичип, мас болуп алып, андан кийин дары ичип алып коркутмак болгону, ата-энесине бүт баарын айтып, арызданганы жинин келтирди: "Энеңди, эгер ажырашам десе ажырашып туруп, Курманжанга барып алам, ишим бар, акча болсо турат, кетип калам, атасы бага берсин" деп ичинен чечим чыгарып алды. Ал алды жагында дагы кандай кыйынчылыктар турганын сезген да жок. Эртеси эртелеп эле базарга келди, Курманжандын орду бош турганын көрүп, күтүп калды. Бирок түш ооп баратса да келбеди. Күнү бою күтүп, кечинде үйүнө келди, диванга отуруп, телевизорун койду. "Ал эмнеге келбей калды, Чыңгыз аны алып кеткен жокпу, болбосо эмнеге мага бересиң деди, ортодо балам турса, Курманжан жок демек эмес, Чыңгызга бекер көрсөткөн экенмин" деп сарсанаа болуп тынчы кете берди. Ошонун эртеси да барып таппай Чыңгыздын ишканасына барып, аны сурады. Жумушта жок экенин билгенде Курманжандан түңүлдү. Зебиниса өзүн эми кечирбесин да түшүнүп, айласы куруду. "Экөөнөн тең ажырап, талаада калгыча мени ушул акыбалга алып келген Курманжанды өлтүрөм. Эгер аны өлтүрүп, дайынсыз жоготуп койсом, Чыңгыз сөзсүз каматат, экөөнү тең жок кылышым керек" деп ойлоп жатты.

Зебинисаны төрт-беш күндөн кийин ата-энеси, бир туугандары чогулуп, өз үйүнө алып келишти. Ошол күнү Шамил үйдө болчу, аны көргөн кайненеси алкынып кирди.

- Сени бул үйгө жолобо дебедим беле, эми Зеби менен балдарды унуткун!

- Апа, кечирим сурап жатам го, балдарымдан кете албайм мен.

- Ой, бала, бала-чака керек болсо, көчүгүңдү кысып, тынч жүрбөйт белең, ок ата-аңдын оозунурайын десе! - деп Камчыбек сөгүнүп койо берди.

- Сен көөп калдыңбы, ыя, тиягы Россияга чейин алпарып, ушул Зеби үчүн биз көтөрмөлөбөдүк беле, сенин мындайыңды билгенде, кетмен чаптырып, койчу кылып коймокмун! - деп уруп жибере жаздап токтоду агасы Окен.

- Кечирип койгула, экинчи мындай болбойт, мен жаңылдым-жаздым, - деп Шамил ыйлап, кечирим сураганына болбой, Окен аны карыдан ала короосунан чыгарып койду. - Кечириңиздер бир жолкусун.

- Катын-баладан айлан, сендейге үйбүлөнүн эмне кереги бар, селсаяк болуп калчу кишисиң?

- Зеби, кечир мени, балдарым үчүн, кудай үчүн! - десе да болгон жок.

- Сыйың менен жогол, болбосо машинаны да алып, коколой башың кетет! - дегенде Шамил унчукпай машинасына отуруп жатканда эки баласы:

- Ата-а!

- Ата-а, мен дагы барам, каякка барасың, ата-а! - деп артынан жүгүрдү. Токтото калып балдарына бармак болду эле, эки баланы кармап калышты. Экөө тең ызылдап, ыйлап кирди.

- Эмне кылсаңар ошо кылгыла, балдарымдан кетпейм, керек болсо өлтүргүлө! - деп Шамилдин зээни кейий аларга бакырды. Ошондо кайнагасы аны келип жакадан алды, кайниси бир тээп, экөөлөп дагы сүйрөгөндө колун жулуп алды да, машинага отуруп алып:

- Кызыңарды ушул бойдон багып алсаңар түзүк, балдарымды өгөйгө кор кыла турган болсо, менден жакшылык күтпөсүн! - деген бойдон зуулдатып айдап жөнөп кетти. Ошол бойдон Шамил үйүнө келди, ата-энеси ал келээри менен эле чыга калып, баласын суракка алып кирди.

- Зеби чыгып келдиби?

- Өзүң эле келдиңби?

- Келин келген жокпу? - деп арты-артынан суроо жаадырып жатканда Шамилдин көзүнө жаш кылгыра түштү.

- Алар мени кууп чыгышты, балдар мени ээрчип, ыйлап калды.

- Ким экен алар, мен ошолор менен өзүм барып, көрүшпөсөм болбой калды, менин баламды кемсинткени эмнеси?! Дагы ушундай кылса, уулума энеси өппөгөн кыз алып берип койом, бала деген бала, чоңойсо таап келет, ошо кызына жаман дагы, - деп Гүлүм жинденип сыртка чыкты. - Керек болсо, Чубаркан үчүн такси жалдап барып келем!

- Ой, кемпир, акылыңды пеште, кудалар менен антип өчөшкөн болбойт, балдар бир күнү табышып калса, өзүбүз жаман көрүнөбүз, - Бегалы кемпирин тыймак болду. - Арген менен Арсен чоңойсо, эч качан атасын таштабайт, карында калган бала таап келет, ага караганда неберелерим мени, сени тааныйт го?

- Качан болсо, ал өктөм сүйлөсүн ээ, биз күнөөкөрдөй болуп отура берели, ошонун байлыгына байланып, балдар жаш, сен экөөбүз жалтак болдук, эми балдардын намысы үчүн бир сүйлөп, ошол тилине ээ болбогон катынга жооп кайтарганга кудурет бар! - деп чыгып кетти. Гүлүмдү эч ким токтото алган жок. Гүлүм такси кармап алып, дароо эле Шамилдин үйүнө жетип келди. Аны көргөн Чубаркан мурдун чүйрүй ичкери кирип кетти. Эч нерсе болбогондой эле Гүлүм аларга учурашып, келининин жанына отуруп калды.

- Ийи, кудагый, балаң менен сүйлөштүм, балдарынын ыйлаганын айтып барды, баланы жараткан өзү жаратты. Жараткан өзү жетим кылат, жараткан өзү улук, ага каршы тура албайбыз, ал эми адамдардын душмандыгы, бири-бирине чагымчылдыгы, кудай алдында күнөө.

- Кудай ай, ай чырай аялы, сүйкүмдүү балдары туруп, башка аялга дитин буруп, бей нике балалуу болуунун күнөөсүчү?

- Бул чагымчылдын сөзүдүр, ошого балдардын көңүлү ирээнжип калышы мүмкүн, бирок мындай жаңылыштык менин баламдын колунан келээрине көзүм жетпейт, басса-турса Зеби деп отурат, кантип жалганга ишендиңер? Кана, Зеби, өзүң айтчы, Шамилдин мындай жолдо жүрүшүнө ишенесиңби, айланайын, эшигимди аттаганыңа он жылдай болду, үч-төрт жыл төрөбөй баарылап тилеп жүрүп, Аргенди көргөндө, кандай кубандык эле…

- Апа, - деди Зебиниса кайненесин карай албай, анткени кайненесинен өзү да уялып турган. Келгенден бери Гүлүм ага кызым дегенден ашыкча сөз айткан эмес эле. - Апа, мени кечиресиз, Шамилдин дагы бир келинден баласы бар!

- Эмне, эмне дедиң, Зеби?

- Ооба, ошондой, баласы Арген менен Арсенге куюп койгондой окшош, - деп Зебиниса ыйлап туруп, баарын төкпөй-чачпай айтып берди.

- Ушул айтканың ыраспы, кызым?

- Баары чын, апа.

- Демек, баары бүткөн экен да, энелик мээримдүүлүгүң, аялдык күчтүүлүгүң, тереңдигиң-кеңдигиң ушуну менен бүткөн экен да, ээ?

- Жок-жок, апаке, кечириңиз мени, мен дагы эле кечирет элем, бирок акчабыздын баары ошол жакка кеткенине ичиң күйөт экен да, - Ыйлаганын көргөн энеси ортодон чыкты.

- Эмне эле эмшеңдейсиң, ортодо бизди жаман көрсөтпөй, жашасаң жашай койчу деги, эриңди жакшы көрсөң, бизге эчтеке айтпай койбойсуңбу?

- Апа, эмнеге эле мынчалык кийлигишесиң, жашасам жашайм, балдарымдын атасы, кимден кемчилик кетпеген, кезинде хандар да кылган мындай кемчиликти, Шамилдин мага жаман сөзү өткөн эмес, - деди Зебиниса.

- Аа-а, ошондойбу, андай болсо, эриңдин кемчилигин, күнөөсүн айтып, бизге даттанба, - деп Чубаркан ордунан турганда, Окен келди да, карындашына катуу айтты:

- Андай болсо, бизди өлгөн деп эсепте, биз сага келбейбиз, сен бизге барба, уктуңбу? - деп үйдөн чыгып кетишти.

- Байке, андай дебегиле кудай үчүн, мен силерди да, балдарымдын атасын да кыйбайм, мени өз үйбүлөм менен жашоого уруксат бергилечи, кудай жалгагырлар?! - деп ыйлаганда Гүлүм туруп кетип жатып:

- Мейли, кызым, мен сени түшүндүм, бул сөзүңөрдү менсиз чечишкиле, Зеби күйөөсүз, Шамил аялсыз калбайт, бирок ортолорундагы балдар үчүн калыс чечим кылаарсыңар, - деди да, короодон чыгып кетти. Зебиниса боздогон бойдон кала берди. Арген менен Асен чоң энесин ээрчиди эле, анда да кармап калышты. Гүлүм эч нерсени ойлонбой айткан сөзүнө курсант боло жолдо келе жатты: "Келинимдин көзү, ниети түз экенине көзүм жеткен, ата-энесинен чыгалбай калды, мейли, баары бир жашашат. Шамилим жигит, кыз-келин өздөрү көзүн сүзүп жатса, эмне кылсын, жаны аман болсо дагы далай кызды алдында ойнотот, балдарды жаратат, Зеби байкуш эки бала деп, өмүрдөн куру калганын билбей калат" деп ойлонуп, таксиге жетти. Үйүнө келгенде аны баары тегеректеп алып, ар кайсыны сурап жатты. Эне эч кебелбей:

- Уулумдун кылыгына намыстанбай кайра чыйралдым, "эркек болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол" деген сөз бар го, атасы, уулуң жигит экен, - деди эле баары анын оозун таңыркай карап калышты.

- Ой, кемпир, баргандагы сөздү айтчы, деги эмне деген сөздөр болду, келин эмне дейт? - деди Бегалы ага карсылдай. - Каяктагыны эле айта бербей.

- Эмне сөз болмок эле, Шамилдин башка келинден дагы бир уулу бар экен, ошол келин келип кетиптир. Ошого Зеби дары ичип, өлөм деп, Шамилди коркуткан имиш, ал үчүн баламды күнөөлөп жатышыптыр да.

- Ок атаңдын оозугурайын десе, никелеп алган аялы турса, ал эмне кылганы ыя, күнөөсү бар үчүн күңк-мыңк этип жаткан го, ошону үчүн сен кетээриң менен куйругун түйүп качкан тура, - деп Бегалы сөгүнүп калды. - Ой, кемпир, сен анан келинге жаман сөз айткан жоксуңбу?

- Мен Зебиге эмнеге жаман айтмак элем, кудагый экөөбүз кагыша түштүк, ар кайсыны каңкылдайт тим эле.

- Андай болсо, балаң келсе бирди союп барып, келиндин алдынан кечирим сурайлы, балдарынан бөлүнүп калбасын, экөө тең жаш, ачууга алдырып, ажырашып кетпесин, - деди Бегалы ойлуу.

- Кечирим-сечирими жок эле жашашат, келинимде сөз жок, жанагы эле энесинин кылганы, - деп Гүлүм күйөөсүнө карап колун жаңсады. - Ошо Чубаркан турган жерден кечирим сурабай эле койдук, ушунча жылдан бери кызы айдан түшүп келгенсип, бизди теңине албай жүрбөйбү, бир эле Шамил бекен, башка аял менен жүргөн?

- Оолугуп Чубаркандан айрымаң жок сенин дагы, экөөңөрдү кошуп койсо, заматта бир элди экиге, экини миңге бөлмөксүңөр, - деген Бегалы ордунан туруп кетти. Гүлүм өзүнчө сүйлөнүп кала берди. Куда-кудагыйдын ортосундагы мамилени Шамил менен Зебиниса экөө тең билгендиктен, алардан алысыраак турганга аракеттенишчү. Эми Шамилди, агасы баш болуп кубалаганга, Зебинисанын жүрөгү ооруп, өзүнүн жеңилдик кылып алганына өкүнүп турду. Балдарын атасыз өстүргүсү келбеди. Бир туруп, Курманжандан кызганып да кетип жатты: "Эмнеге өзүмдү жеңил кылдым, балким ортодо баласы турса, үйлөнүп алышы да мүмкүн, жо-ок мен ага жол бербейм, Шамилди кетирбейм эч жакка" деп көзү ачыла түштү. Чубаркан бир аз күн жанында болмок болуп калган. Атасы, ага-инилери өз үйлөрүнө кетип, Зебиниса төшөгүнөн башын чыгарбай жатып алат. Ошондо Чубаркан ага:

- Кагылайын кызы-ым, сен биздин жапжалгыз кызыбызсың, сени кордотуп коюп, үйдө тынч жашай албайм, ушу шүмшүктөн ажыратып албасам элеби, балдарыңды өзүм багам, - деп жамынган төшөгүнүн баш жагын акырын ачты. - Уктап жатасыңбы, кызым?

- Жок, уктаган деле жокмун.

- Садага болоюн десе, эр табылат эмеле, денсоолугуңду чыңдап алсаң, анан серпилип көчөгө чыкчы, кандай гана табылбасын, - дегенде Зебиниса башын көтөрө калды.

- Апа, эмне деп жатасың, ушу эки балам менен дагы башка күйөөгө тий дегени турасыңбы?

- Ийи, кызым, сен али жашсың, ойноп күлүп, күйөөнүн кучагында туйлай турган курагың.

- Апа, акылың ордундабы, муну мага кантип айтып жатасың?

- Мен туура айтам, балам, - деп Чубаркан жылмайганда Зебинисанын жини келип кетти.

- Акылың жок экен, апа, мен Шамилден ажырабайм, сен азыр үйүңө бара бер, жалгыз калгым келип турат! - деп ыйлап ийди эле, Чубаркан ага жини келе сүйлөдү.

- Ажырайсың эле, ошол жуксуздарды менин көрө турган көзүм да жок, балдарың менен үйгө алып кетебиз керек болсо!

- Эч жакка барбайм, апа, мени тынч койчу, - Зебиниса чүмкөнүп алып, солуктап жатканда сыртта ойноп жүргөн балдары кирип келди.

- Апа, эмнеге ыйлап жатасың? - чоңураагы Арген бетин ачмак болду эле, тырышып ачпай койгондо Чубарканды карады. - Сиз апамды эмнеге ыйлатып жатасыз, силер чогулуп атамды кубаладыңар, жаман көрөм мен силерди.

- Мен дагы жаман көрөм, атамды монтип-монтип урбадыбы? - деп Арсен колу менен көрсөтүп жатты. - Апа, ыйлабачы?

- Садага болоюндарым десе, ошол селсаяк атаңардын эмнеси жакшы, жүрө берсин тентип, силердин жаныңарда апаңар турбайбы? - деп Чубаркан айтканда Зебиниса тура калды.

- Апа жаман болсо да атасы, мени жакшы көрсөң, экинчи Шамил жөнүндө жаман айтпа!

- Капырай де, менин сөзүм жакпай калдыбы, жаман эриң көзүңө тим эле айдай көрүнөт го, ээ?

- Ооба, апа, менин жаман сөзүм тийип калбасын, кыз-күйөөңдүн үйүнө келсең, сый көрүп кана кетип жүрчү!

- Апа, дейм ыйлабачы, - Арген бир жагына, Арсен бир жагына жармашты.

- Апа, атам келеби?

- Келет, балдарым, келет, ушунча нерсени көтөрө албаган мен күнөөлүүмүн, эркеликтин да чеги болуш керек экен, - деп Зебиниса балдарын алмак-салмак өөп, ыйлап жатканда, Чубаркан таарына ордунан туруп, сыртка карай жөнөдү.

- Мейли, ай-мончоктой кылып багып-тигип койгонум үчүн мен күнөөлүү экенмин, кетейин анда, керегим жок, сөзүм жакпайт, мен биерге эмнеге турам?

- Апа, ушундан көрө, акыл айтпайсыңбы анан, карачы балдарымды, өмүр бою ушуларды атам качан келет дедиртип кантип чыдайм? - деп Зебиниса ордунан туруп келип, апасын токтотту. - Андан көрө сыйыбызды көрүп, акыл-насаат айтып отурсаң боло?

- Күйөөң керек болсо, жашай бер, айланайын, мен үйүмө эле кетем, сыйлабасаңар койгула, - деп Чубаркан болбой чыгып кетти. Ошол кезде сыртта турган Шамил аялына ичтен ыраазы болуп турду, кайненеси чыгып келе жатканда көрүнбөй ары басып кетти. Чубаркан булкуна үйдөн чыкты да, туура эле дарбазадан чыгып, чоң жолду көздөй жөнөдү. Шамил аны кайрылып келип калабы деп карап туруп, анан үйгө кирди. Аны көргөн эки баласы эки жагынан жармашты.

- Ата, атам келди!

- Ата, эми кетпейсиңби?

- Жок, балдарым, мен эч жакка кетпейм, силерди таштабай калайын, - деп Шамил эки баласын өпкүлөп жатканда Зебиниса аларды карап турду.

- Сени уруп койдубу, ата?

- Ооба да, атамды Окен тайкем урган.

- Мен аларды жаман көрөм, атамды ургандай кылып, мен дагы чоңойгондо уруп койом.

- Мен дагы, - экөөнүн сөздөрү Шамилдин көзүнө жаш айлантты.

- Кой, балдарым, силер акылдуу, тартиптүү балдарсыңар да, улууга кол көтөрбөйт, көрдүңөрбү мен дагы унчуккан жокмун.

- Ооба, ата.

- Өздөрү сени эмнеге урат анан?

- Эчтеке эмес, бир аз домдоп койду, - деп жылмайганга аракет кыла өйдө болуп, Зебинисага келди. - Зеби, кечир мени!

- Мен кечирбегенде кайда барам, эбак эле кечиргем, бирок ызама чыдабай кеттим, эркеликтин азабынан аларга дагы болбогонду айтып койдум, мындай кылбашым керек эле… - деп ыйлап турду Зебиниса.

- Эчтеке эмес, кайненемдин кызысың да, - деп Шамил аялын бекем кучактап калганда Арген:

- Апа, эми урушпайсыңар, ээ? - деди колдорунан кармап.

- Апам менен атам эч качан урушпайт, бизди жакшы көрөт, - деп Арсен бир жагынан кучактап алды. Төртөө бөлмөнүн ортосунда кучакташып турганда бир буюмун унутта калтырып, кайра келген Чубаркан баш багып көрүп калып, күйөө баласынын келип калганына жини келип кыйкырып кирди.

- Ийи, келип калдыңбы, катын-бала керек экен, тынч эле жүрбөйт белең, ыя, жанагы жуксуз ата-энеңе бир күн да батпайсың!

- Апа, ал ата-энесинин биерде эмне тиешеси бар, ушунчалык болбосоң кантет? - деп Зебиниса айтканда:

- Аа-а, кызым, булар сенин башыңды гана айлантып койгон экен, жадагалса мени сага жек көргөзүп коюптур кантейин, - деп төр жактагы узун кемселин алып, кайра кетмек болду. - Дубанын күчү дубана кылат дейт, сени таптакыр имерип алышкан тура.

- Апа, башымды айланткан жок, андан көрө ыр-чырды коюп отур, байкем алып кетет, мен сени эмнеге жек көрмөк элем?

- Отурбай калайын, кебимди укпаган кыздын төрүндө эмнеге отурам, аман-эсен болсоң болду, дагы бир күнү селсаягыңдын кылыгынан өлүп албасаң болду, - деди да, кетип калды.

- Бу кишиге эмне жамандык кылдым билбейм, эмнеге мени жаман көрөт, Зеби?

- Жек көрүп кайда барат эле, ачуусу тараганда кайра эле келет, - деп Зебиниса чачылган үйүн жыйып, өз тиричилигине киришти. Шамил эки баласын тизесине отургузуп алып, эмелеги өзүнүн ойлогон ойлорунан кайтып, өз тууруна кайтып конгонуна, үйбүлө очогуна кайрадан кошулганына кубанып отурду. Жашоо кээде ачуусун таттырса, бирде балын жедирет, ошентип жалган жашоодо өмүр аккан суудай ала салып өтүп кете берээри шексиз. Шамилдин жүрөгүн эми дагы бир нерсе өйүтүп турду. Ал Чыңгыз, шаардагы бир кафени арендага алып иштетип жаткан адамды билчү. Тааныштары менен ичип отуруп, рекет болуп, кафе-барлардан салык алууну күпүлдөп сүйлөшүп отурушкан. Көрсө, ичинде рекет болуп жүргөн бирөө бар экен. Ал эртеси эле Шамилге жолугуп алып, өзүнө кошулууну суранган. Ошентип бир топ кылмыштарды жасашты. Иги-жиги билинбеген кылмыштан тапкан акчаларын кыз-келиндерге жумшашты. Арасынан төртөө колго түшүп, кийин Шамил менен Эркин деген экөө калышкан. Экөө кафе- бардын ичине кирип отуруп алып, ээсин чакыр дешти эле ижарага алып иштеткенин билдирди. Ошондо Эркин Шамилди далыга таптай, көзүн кысып, кеттик дегендей кылды. Ошондон бир ай өтпөй ал кафе-барга келип, баш оту менен өткөрүп алышты. Көрсө, ал курулган жайды салган киши өлүп калып, анын түпкү документи жок эле, иниси иштетип, кийин ижарага берип жүргөн экен. Ошентип алар жалган документти жасатып келип, биргелешип иштеп жүрүшүп, Эркин оорудан каза болуп калды. Шамил андан кийин өзү ээ болуп калган. Налогун төлөп коюп жүрөт. "Дагы бир катуу толкун бар, мени соттотпойм деп Курманжанды көрдү, эми соттолуп кете турган болсом эмне болот, эптеп Чыңгыздын оозун жабыш керек, болбосо көзүн тазалаш керек" деп ойлонуп отурду…

Курманжан үйүнө келип, апасына эркелеп:

- Апа, эмки жумада күйөөгө чыгам, - деди кучактап өөп.

- Бактылуу бол, садага.

- Жездем кайдан экен, эже? - деп Таалай жармаша кетти. - Мени качан тааныштырасың?

- Албетте тааныштырам, жездең Чүйдөн.

- Аты ким?

- Чыңгыз. - Күлүмсүрөй сиңдисин өөп алды.

- Кызым, биз сага жууркан-төшөк жасап жатабыз, себиңди жакшылап даярдайлы.

- Өзүңөр эле билгиле, апа, бирок кийим-кечени өзүм алам, - деди кубанычтуу жадырай.

- Кудай жакшылыгын берсин, ушу үчөөңдү бир жерге тындырып алсам, болду эле, анан Нурелим экөөбүз калсак, силерге барып турабыз ээ, балам? - деп Айсалкын небересин чекесинен өөп койду. - Анан уулумду үйлөнтөм, мени багат балам, ээ?

- Ооба, багам ээ сизди.

- Багат уулум, - Айсалкын жээн-неберсин өөп, кучагына кысып, эркелетип кубанып алды. - Аялың экөөңөр мени хандын аялындай, кырк сабам пахтанын үстүнө бөлөп, багасыңар ээ, уулум?

- Ооба да, - деп култуңдап койду Нурел.

- Биздичи, бизди да багасыңбы, Нурел? - деди Саамай.

- Ооба.

- Иий, алтыным десе, Нурел биздин бир тууганыбыз да, атамдын очогунан от өчүрбөй улантаарыбыз.

- Садага кетейиндерим десе, эми ишке киришели, үйдү куда-кудагыйларды тосконго даярданалы, Айдайды күйөөсү экөөнү чакырып кел, Таалай, - деди Айсалкын ордунан туруп баратып. - Тамдын ремонту бүттү, эми ичине бир сыйра ремонт жүргүзүп койолу.

- Апа, кызыңды хандын кызындай даярдадык го, мен күйөөгө тийсем, кандай тосуп, узатасыңар, ыя? - деп күлдү Саамай.

- Сен тийген кезде үй даяр болуп калат, болгону сени даярдайбыз, сен кетсең Таалай калат, ал мектепти бүткөнчө дагы колго бирдеме тийип калаар, - деп Айсалкын мултуңдап койду. - Силер да жардам бересиңер.

- Иши кылып, сени кор кылбайбыз, апа, ар кимибизге бирден түнөп конок болсоң кандай жакшы.

- Тилегиңерден, кагылайындарым, силердин тынганыңар эле кандай бакыт, көөнүм жайланып калса гана, - деп Нурелди жетелей сыртты карай жөнөдү. Ар кимиси өздөрүнчө жумушуна камданып, кечки тамакты жасап, жатууга кам көрүп жатышты. Таң эрте жакында болчу жакшылыкты тосууга киришет. Курманжан кыялында Чыңгыз менен сүйлөшүп жатты. Ушул ирет ал өзүн көкөлөгөн көктө учуп жүргөндөй сезип, "Кудайым ай, бактылуу болсом экен, Чыңгыз экөөбүз дүйнөдөгү эң бактылуулардын арасында жүрсөк кандай ырахат. Мен Чыңгызды сүйүп калдым, эми жолукканда ага сөзсүз сүйөөрүмдү айтам" деп жүрөгү элеп-желеп болуп жатты. Эртеси түш ченде өз ордуна барган менен товарын жайган жок. Умсунай күндөгүсүндөй эле кылдыратып соодасын кылып жатты.

- Сен эмнеге чыкпайсыңбы, эки күндөн бери бир жигит келип, издеп жатат да? - деди Умсунай ага.

- Ким экен ал?

- Кайдан билем, кызым, унчуккан жок, карап-карап коюп эле кетип жатты.

- Кандай экен, бою, өңү-түсү?..

- Узун бойлуу жигит, кара тору, олбурлуу экен.

- Аа-а, - деп койду Курманжан: "Демек, Шамил келген экен, эмнеге келди экен, акчаны алып келдиби?" деген ойдо турганда Чыңгыз артынан келип, көзүн басып калды.

- Күзгүбү же таракпы?

- Күзгү, - деп күлүп жиберди Курманжан.

- Кандай, көпкө күтүп калдыңбы?

- Жо-ок, азыр эле келгем.

- Кеттикпи?

- Кайда?

- Бир жерге.

- Айтсаң эми, - Эркелегендей жүзүнө үңүлө карады, аларды көрүп турган Умсунай өзүнчө улутунуп алды: "Аттиң, менин жаштыгым өкүттө өттү, бир серпилип өзүмдүн аял экенимди ойлоп, эркек аттуунун жанына жолобогон экенмин", - деп өз ичинен өкүнүп алды. Чыңгыз менен Курманжан ал ойлонуп отурганда көздөн кайым болуптур.

- Эже, бул көйнөк канча? - дегенде оюнан адаша кардарды карады.

- Кайсы?

- Мына бул.

- Төрт жүз сом.

- Андан ылдый болбойбу, эже?

- Кызым, мен беш-он сом үчүн эле отурам, налогуна, тиги мунусуна төлөп отурам, чай-чакага чыкканына эле сүйүнөм.

- Ма-акул, эже, мага ушуну бериңиз.

- Ала гой, кызым, булар новинка, жаштардын баары азыр ушундан кийип жатпайбы, кыскасы мода да, - деп сүйлөгөнчө пакетке ороп бере салды. Соода жакшы болсо, акчасын санап кубанып калат, кээде соода болбой калганда кейийт, Марселди бутуна тургузуп койсом дегенде, эки көзү төрт. Жетип-жетпеген турмуштун азап-тозогуна күйүп, өмүр өтөп келе жатканына кээде жаратканга нааразы болуп да кетет. Ал соода кылып отурса Сейили келиптир, көптөн бери көрүшө элек эне-бала өбүшүп учурашты.

- Апа, кандай жүрөсүз? - деди Сейил учурашкандан кийин.

- Жакшы, кызым, өзүң кандай, Азат жүрөбү, куда-кудагыйлар жакшы жатышабы?

- Жатышат, - деп койду Сейил, анын маанайы пас эле, эне анысын байкады, кызынын ичи бөрсөйүп калганын көрүп, кубанып алды.

- Жатышса эле болду, кайдан келе жатасың?

- Доктурга баргам.

- Көрүндүңбү?

- Ооба.

- Марсел иштеп жатабы?

- Ооба.

- Эмне, бирдемеге капасыңбы, кызым?

- Жок.

- Эми балалуу да болосуңар, минтип өзүңдү кыйнай бербе да, кызым, жашоо ошондой, сен азыр жашсың, Азат жакшы бала, - Эне өз акылын айтып отурду. - Мен эми Марселди үйлөнтсөм, экөөңөрдүн өз алдыңарча болуп калганыңар мен үчүн бакыт эмеспи, кызым.

- Азат жакпайт, апа, өмүр бою ошону менен жашап өтөмбү?

- Андай дебе, Азаттын эмнеси жакпайт, жаркылдаган жакшынакай бала, Марселди үйлөнтсөм аялы ушинтсе, жакшы көрөсүңбү, мына мен сени көрүп, неберелүү болоорумду ойлоп, кубанып турам, силерди багам деп эмнени гана көрбөдүм дейсиң, атаңар күйөөм экени гана болбосо, бир жакшы сөз айткан эмес, кызым.

- Эмне сүйбөй эле тийип алыңыз беле?

- Аа-а, кызым, мага сүйүүнү ким коюптур, жетим кыз болсом, эптеп жашап калайын дегемин да, силер энелүү эрке жетим болдуңар, садага, жаман сөз угузбадым, жыртык кийим кийгизбедим, ачка калтырбадым, кызым, - Умсунайдын үнү каргылданып кетти.

- Апаке, апкебайым менин, капаланбачы мага, мейли мындан кийин сизди капа кылбайын, Азат менен жашай берейин, - Сейил апасын кучактап ыйлап ийди. Ошол кезде кардар келип, соода кылып калды, башын ылдый кылып алып, Сейил ыйлап жатты: "Мен акылы жок, апамды капа кылып койдум окшойт, чын эле Азат көзүмдү карап турат, кайнаталарым деле унчукпайт, мен бактымды көтөрө албай жүргөн окшойм" деп ойлонуп отурганда башынан назик сылаган апасынын колун сезип, кармай калып өөп ийди. - Мага капа болгон жоксузбу, апа?

- Сага капа болбойм, садага, көрсөм көзүм кубанаарларым силерсиңер, - деп Умсунай кызын кучагына жаш кезиндегидей кысып, чачынан сылап жатты, не дегенде да жүрөгү назик эне эмеспи, көз алдынан уулу менен кызынын кичинекей кездери тартылып тунжурап турду. Жан дүйнөсүндө бороон улуп, суу ташкындап, санаасы сары кардай сампарлай жаап отурду.

- Апа, Марсел байкем келе элекпи?

- Жок, кызым, он беш күндөй болду го.

- Жумушу жакшы бекен?

- Билбейм, жакшы болсо керек, жанагы көтөрмө телефон чыгып калыптыр, ошондон экөөңө алып берейин, ээ?

- Макул, Азат деле алам деп жаткан.

- Ошондон алып алсак, сүйлөшүп турабыз.

- Апа, Дордойдо соода жакшы болот бекен?

- Кудайга шүгүр, кызым, тияктагыга караганда жакшы эле болуп жатат.

- Апа, менин атам абдан жаман беле?

- Жакшы деле билбей калдым, эки күндүн биринде дайынсыз кетип, бир күнү келип калчу, анан кайра жоголуп кетчү…

- Кызык, кайда барчу экен?

- Сураган эмесмин.

- Эмнеге?

- Кызыкчу эмес экенмин, мен болгону жемеден кутулуп, келтек жебей тынч жашаганга кубанчумун, чоң энең жакшы адам эле, ошол мени сактап калды, мага болушуп, баласын урушуп калчу.

- Сизди ким жемелечү эле?

- Таажеңем, кээде сабачу, кызым, мен көргөндү балдарым көрбөсө экен деп кудайга жалынчумун, - Эне кызына болгонун божурап сүйлөп берди, бир жагы ичтеги толгон бугун чыгаргысы келсе, бир жагы кызы ордунан козголбой барган жеринде тынсын деген ойдо болду. Ары-бери өткөн тамак-аш көтөргөн кыздарды токтотуп, экөө тамактанышты. Анан Сейилдин колуна акча берип, жөнөтмөк болду эле:

- Апа, өзүмдө акча бар, - деди албай.

- Кой, кызым, апама барып келдим деп, майда-барат ала бар, куда-кудагыйга салам айт.

- Ма-акул, апа, жакшы туруңуз, ээ? - деп апасын эки бетинен чопулдата өөп коюп, жөнөй берди.

- Каралдым десе, менин сөзүмдү укту, - деп Умсунай көзүнө жаш кылгыра кызын узатып кала берди. Сейил заматта кыжы-кыйма болгон элдин арасына кирип кетти.

- Эже, - деди ошондо ага бир жигит келип. - Бул жердеги кыз эмнеге чыкпай жатат? - дегенде Умсунай келип-кетип жүргөн жигит экенин таанып:

- Билбейм, мага айтмак беле? - деди көңүлсүз.

- Үйү кайда экенин билбейсизби?

- Жок.

- Апасы да чыкпай калдыбы? - деди Шамил, ал Зебинисага капа болуп, Курманжанга кайра келмек болуп жүргөндө келген эле.

- Апасын да билбейм, бир иштери бар го?

- Кечиресиз, - деди да, басып кетти.

- Эже, бул юбка канча?

- Эки жүз.

- Арзаныраак бербейсизби?

- Жок, болбойт, биерде оптом сатылат, мен ошол оптом баасын айтып жатам.

- Көп алсам деле ошондойбу?

- Ооба.

- Анда мага бир линейка бериңизчи.

- Ала кой, - деп дароо алып бере койду.

- Рахмат, эже, мындан ары сизден келип алып турам.

- Келе бер, ушул жердемин…

Умсунай үйүндө жалгыз отурган, ал күнү табы эч нерсеге тартпай ооруп турганынан, базарга чыккан эмес. Коңшусу Айымбү келип калыптыр.

- Умсунай, бүгүн үйдөсүңбү?

- Ооба, эже, үйдөмүн.

- Дегеле үйүңө жолобойсуң, көрүшпөй деле калдык, бу базар деген балээ чыкты, эл байкуштун базарсыз балдары багылбай калды го?

- Анан эмне кылабыз, үйдө отурсаң ким берет, ачка калбайлыбы?

- Үйдө экениңди көрүп эле басып келдим.

- Ооба, бүгүн табым айнып калыптыр, кыйналып калыптырмын.

- Уулуң көрүнбөйт да?

- Жумушта, үй курганга иштейт эмеспи.

- Айла-анайын, уулуң акылдуу, раматылык атасы байкуш Зыядага жакшы күн көрсөткөн жок, эки жакшы баласы өлүп калып, ушунун убайын тартып жүрүп, көзү өтпөдүбү.

- Кудай жар болсун, эже, жалгыз чай иче албай жаттым эле, жакшы болду, эрмектешип отуралы, - деп Умсунай чай коюп, жаңы жасаган эттүү тамагын алып келди.

- Ээ, Умсунай.

- Ийи, эже?

- Капырай азыр жашсың, бир жакшы күйөө болсо, тийип алсаңчы, балдарың чоңойду, өздөрү менен өзү болуп кетсе, дагы жалгыз каласың, жалгыздык жаман.

- Эже, неберелүү болсом, жалгыз калбайм, жакында күркүрөгөн күз келип, уулумду үйлөнтсөм, неберелүү болсом… - деген Умсунай ойлоно кетти: "Жамалбекти көрүп калды эле, ошону чегип сурай албай жатат" деп, - Эми күйөөгө тийип, балдарга жек көрүнгөндө эмне? - деди.

- Оо, кокуй күн, келинди өзүңдүкүндөй көрсөң деле болбойт, менин төрт келиним бар, келсе кеткенче шашышат, чай кайнатып бергенге, улуу кызын сурасам, окуусуна жолтоо болот, илгеркидей эмес азыр, жаштар илим-билим албаса кантип болсун деп кашкайып койбодубу. Дагы жакшы көкүрөк күчүгүм бар, ошо кыз караан болуп отурат, ал күйөөгө тийип кетсе, кантем деп жүрөгүм болкулдайт, - деп ички сырын төгүп алды Айымбү. - Жашың өтө электе бирөөнүн этегин кармап алсаң өзүңө жакшы.

- Аман болушсунчу, эже, башка келгенин көрөөрмүн.

- Тиги, өлүгүңдү көрөйүн, жанкечти деп койчу ким эле, ошол токол алам дейт имиш, өзүнүн балдарындай кыз-келинге көз арта берет экен, пейили тар, дардаңдап дүнүйө десе жата калып жанын берчүдөй неме го?

- Кайсы, жанагы москвичи бар немеби?

- Иий, ошол, өзү катыны сүйлөгөндө кирчү жерине кирип кеткиче коркот дейт, анан дегеле токол алачаагын көр.

- Колоңсосу башты жарган немеге, кайсы келин-кыз кызыгып жатыптыр, ал бир адам сапаты жок жанкечти да, ошону үчүн аны жанкечти дешет, - Умсунай жини келе сүйлөдү.

- Баса, ошону бирөөнүн ишин жасайт дейби?

- Ошондой го, ишин кылмак турсун ал акча үчүн уяттуу жерди жалаганга чейин бара турган киши да, ошол жерге кирсин, уулу убан, кызы жубан болгуча уялбаган акмак да.

- Өх, айланайын, бир пас сүйлөшүп, оңуп калбадымбы.

- Үйдө болсом жакшы болмок, иштебесем болбойт да, эже.

- Ошент, айланайын, өз оокатыңды кылып, чоюлуп келе жатасың, ушул маале бүт билебиз, сенден башка болсо, ким билет, - деп Айымбү кетмек болуп козголду. - Кудай тилегиңди берсин, аман бол, бактылуу байбиче бол, - деп бата кылды да тура жөнөдү.

- Айтканыңыз келсин, эже, жакшы барыңыз. - Умсунай Айымбүнү узатып чыгып баратканда дарбазанын жанына машина токтоп калды. Ээрчише чыккан эки аялды келген машина таң калтырды. Дарбазаны ачып чыга берип, Жамалбекти көргөн Умсунай ыңгайсыздана туруп калды.

- Саламатсыздарбы? - Жамалбек аларга баш ийкей учурашты.

- Келиңиз.

- Келип калдык, базарда жоксуңар, биякка келе бердим.

- Мейли, Умсунай, мен кетейин, - деди да, Айымбү өз үйүнө басты.

- Кандай, Умсунай, денсоолуктар жакшыбы?

- Кудайга шүгүр, өзүңөр?

- Баары жакшы, - ээрчише үйгө киришти, - Базарга чыкпапсың, атайы басып барсам жоксуңар, аа-а, баса, - деген Жамалбек артына кайрылып, чыгып кетип, эки жагына эки пакет кармап жетип келди. - Үйдөн жай отуруп, тамактаналы деп буларды алып алгам. - Бакылдай кирди.

- Тим эле койбойт белеңер, үйдө деле бар эле, - Умсунай ыңгайсыздана карады.

- Сен антпе, Умсунай, менин оюмча "сеники-меники" дегенибиз болбойт, ошондуктан бул экөөбүздүкү, мен эчак эле сени өзүмдүк кылып алгамын, - деп өзүн карап турган Умсунайды кучактап өөп, - Сен мени кабыл аласыңбы? - деди.

- Кантип?

- Ушинтип эле, мен алып кетсем, макул болсоң эле болду.

- Балам али келе элек, ошол келсе эле, бир сүйлөшпөсөк…

- Тагаңа барып келдим, алар Марселге айтабыз дешти, бүгүн алар дагы келишмек, сага кеңешмек болушкан эле, кеңешпей туруп чакырганым үчүн кечирип кой, Умсунай.

- Айыбы жок, келсе келээр…

- Умсунай.

- Угуп жатам.

- Баланы үйлөнтүп коюп, анан экөөбүз кетели, ээ?

- Билбей турам, кандай кылаарымды.

- Ошондой кылалы, Марселге түшүндүрөбүз, кызыңа да айталы, мен туугандарыма үйлөнөөрүмдү айтып койдум.

- Эрте элеби, мен келин алыш үчүн камынышым керек, көп иштерди бүтүргөнчө убакыт өтүп кетет да?

- Баарын ойлонуштуруп койгомун, адегенде экөөбүз нике кыйдырып жашайбыз, ушул үйдө, анан келин келгенден кийин үйүбүзгө кетебиз, кандай дейсиң, алтыным?

- Билбейм дегенден башка сөзүм жок.

- Умсунай.

- Ийи.

- Мен сенден кетким келбейт.

- Кет дегеним жок го? - Жылмая карап калды.

- Ыраспы?

- Ырас айтам.

- Мен эстедим.

- Эмнени?

- Экөөбүз мурунку жашообузда сүйүшкөндөр экенибизди.

- Койчу?

- Чын эле, биз экөөбүздү бири-бирибизге кошпой, сен качып барып тоодон кулап өлгөнсүң, а мен болсо, сени издеп барып, таппай калып, карышкырга жем болупмун.

- Жомогуң кызык экен.

- Бул жомок эмес.

- Ким ишенет ушуга?

- Биз кимди ишендирмек элек, кайрадан табышканыбызга шүгүр дейлик, - Жамалбек Умсунайды имере кучактап өөп, мойнунан жыттады. - Мен дайыма көргөн түшүмдү элестетип, аялымды ошого окшоштуруп жашап келгемин, көрсө, жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү жетпеген эңсөөм сен экенсиң.

- Кызыктуу сүйлөйсүң, кебиң жомоктогудай, дароо ишендирип койосуң, аялыңды ушундай кооз сөздөр менен арбачу белең?

- Аялым жомокту каалачу эмес, дайыма шайыр болуп, оюн-зоокту жактырчу, тели-теңтушу менен көңүл ачканды жакшы көрчү, кийинчерээк ичкиликке жакындап кетти… - Жамалбек ойлуу Умсунайды карап туруп, - Эс алууга барышым керек, көңүлүмдү ачпасам арманым жүрөгүмдү өрттөп баратат деп, балам жок деп ыйлап калган.

- Кыйын болгон экен, сен аны менен бирге азаптансаң керек?

- Айтпа. Жаш баладай кыйнаганычы.

- Төркүндөрү бар беле?

- Бар, бирок төркүндөрү тирүүсүндө эмес, өлгөндө да келген жок, ызаат-сыйын кылып бүткөндөн кийин, анан иниси келди, - Оор күрсүнө алакан жайды. - Үч жылдан бери жападан жалгызмын, чай ичишээр шерик жок, уулума барып, башын ачып, меники экенин билгизип келдим, баккан атасы ыраазылык берди, болгону бүтүргөн ишим ушул.

- Ал дагы жакшы эмеспи, - Умсунай эшикке чыгып баратып айтты да, кобураган үндөрдү улай жолго чыкмак болуп, тагасы менен таажеңесин тосуп алды.

- Айланайын десе, жакшы жүрөсүңбү? - деп бүкчүңдөгөн таажеңеси Умсунайды өөп учурашты.

- Өзүңөр кандай, жакшы жүрөсүздөрбү?

- Жакшы эле, өзүң каттабай койдуң? - тагасы да өөп учурашып, ичкериге киришти. - Марсел келдиби?

- Жо-ок, иштеп жүрөт го?

- Мейли, иштей берсин, жаш эмеспи.

- Оо, келиңиздер, азыр эле келип, сиздерди күтүп жаттым эле, - Жамалбек тура калып учурашты. Төрдөн орун алгандан кийин чай куюп сунду. Көпкө чай ичилип, Умсунай тамагын бышырып, жай отурушту.

- Умсун, - деди Үтөбай Умсунайга карап. - Садагаң кетейин, бир боорумдун кызы элең, мен эми сага дагы бир жолу келип, турмушуңа кийлигишмек болдум, көп азап тарттың, Жамалбек балам жакшы жигит экен, Марселге мен айтамын, калганын өзүң чеч.

- Ооба, өзү чечсин, балдардан кам санаба, биз түшүндүрүп койобуз, мындан аркы жашооңду да ойлон, - деп таажеңеси кемшеңдей сүйлөдү. - Баланын жашоосу өзү менен да, тагаң экөөбүз жети баланы өстүрүп, өз-өзүнчө үйлөп-жайладык, мына экөөбүз эле калдык, келсе бапырап калабыз да, кеткенде коколой кала беребиз.

- Ооба, баланын бары айтканга жакшы, бирок ар бир пенде өз түйшүгүн өзү тартып, өз жашоосун өзү өткөрөт, - дешип, экөө акыл-насааттарын айтып отурушту. Умсунайдан үн-сөз чыкпады, эмне демек, "ооба, тийсе тийейин" дейби же "тийбейм" деп айтабы, айтор ичинен гана салмак күтүп, сөз айтпады. Жамалбек андан кийин өз сөзүн ортого салды.

- Умсунай макул десе, эки-үч күндүн ичинде нике кыйдырсак, бул кайра келип, бу жерде боло берсин, уулду үйлөнтөөр чыгымды өзүм көтөрөйүн, келин алып, ызаат-сыйы бүткөндөн кийин алып кетейин.

- Ошенткиле, Умсунайдын мүнөзү оор, ачылып сырын айтпаган менен пейили жакшы, бала кезинен колумда өстү, - деп таажеңеси Үрпиян Жамалбекке карады. - Сыйлап ал, айланайын, бири-бириңерге жөлөк болгула.

- Мен Умсунду үйдөн эле узатам, жолдон алып кеткидей жаш кыз эмес, тууган-урукту чакырып, жакшылап узатабыз, - деп Үтөбай айтканда:

- Тага, - деди Умсунай, - Көргөн киши эмне дейт?

- Эмне демек эле, сен эмне эч кимиси жок жолдо жүргөн бирөө белең, союшту союп, айыл апаңды чакырып узатам.

- Туура, ошентели, чал, ата-энем болгондо, мындай болбойт эле деп, арман кылба, садагам, - деди шыпылдай Үрпиян, ошондо Умсунайдын жүрөгү зыркырап кетти: "Он алты жашымда күйөөгө бергенде, ала качтырып ийип, өздөрү кууп барып, алына жараша калың алышты эле, эми дагы бирдеме үмүт этип жатышкан го. Ата-энем жок деп арман кылган убак өткөн, кыз-кылыкты салаар кез да өткөн, эми мен буларга бийлетпейм, өзүмдү-өзүм биле турган курактамын" деп ичинен ойлоп алды. Көпкө отуруп сый көрүп, анан ээрчише жолго түштү. "Ата-энемдин арбагы үчүн гана сыйлайм, башка төркүнүм болбосо кантем, эми менин бар дүйнөм, төркүнүм да эки балам" деп узатып, кайра кирди. Умсунайдын эшигине жаңы үлгүдөгү унаанын токтогону колу-коңшусуна өзүнчө эле табылгыс жаңылык, ооздору толо ушак айтып, кээ бири боор ооруп жатып калышты. Айымбү Жамалбекти көрүп, үйүнө кирбей эле жан курбусу, сүйлөшүп чер жазышаары, ушакты учуртуп айтчу Канымгүлгө келген.

- Кел, Айымбү, - деди ал көрүп эле. - Эмне кылып жүрөсүң?

- Тиги Умсунайга кирдим эле.

- Ал үйүндө бекен?

- Ооба, азыр анын үйүнө салабаттуу бир жигит келди ай.

- Койчу, жаш жигитпи?

- Жо-ок, ай, алтымыштарда го?

- Иий, байкуш, жалгыздыкты эми сезген экен го анда.

- Ошондой, баягы күнү да ошону менен кеткен, түзүк адам окшойт, маданияттуу дагы, келбеттүү…

- Мейли, куурап жүрө бербей, тийсе тийип алсын.

- Ооба десең, ар качан айтам, эрге тийип ал, балдарың жокто жалгыз каласың деп, - Айымбү куулана карады. - Сен экөөбүздөн башкасы байкушту жамандап эле жатып калат го?

- Ооба-ооба, мен дагы боорум ооруп көп айтам, жашында аябай мээнет тартты, эми бечара элүүгө карап калды, көрсүн пешенесине жазганын, - Канымкүл шыпшынып алды. - Ушуну күйөөсү өлгөндө, бузулуп кетеби деп жүрдүм эле, зыңкыйган боюнча жүрдү ушу кезге чейин, - деп Умсунай жөнүндө сүйлөшүп отурушту…

Жамалбек Умсунайдын зыңкыйып, ашыкча сүйлөбөгөнүн, ичкилик ичпегенин жактырды. Бирок айткан жомогунда чындык да бар болчу, бойго жетип жигит куракка келгенден тартып түшүндө кербенчилер, өзүнүн токмок жегени, бир кыз экөө жетелешип качканда экөөнү бөлүп кеткени көп кирчү, бир гана жери кыздын өңү-түсүн жакшы көрө алчу эмес. Кызга жетип, эми колдон алаарда кыз зоокадан учуп кетчү, аялы Турсунду телмире карап: "Ушул зоодон учуп кетпесе экен, төрөбөдүм деп арман кылып, бир күнү талаага чыгып кетеби" деп ойлоп, көп кайтарчу. Андай болбоду, үйдө жатып, ичип алып катуу ооруду, ооруканада жатып, анан үйгө алып кет деп Жамалбектин жанын койбой үйүнө келгенден бир жума өтпөй көз жумду. Турсун Жамалбекти аябай кызгана турган, кызматтан келгиче чыдамсыздык менен күтүп, кайда жүрдүң деп такый берчү. Ушуларды ойлонуп, Умсунай келгенче жамбаштап жатып алган. Шырп алдырбай кирген Умсунай аны уктап калган экен деп ойлоп, дасторконун жыйып кирди.

- Умсунай, - деди аста гана Жамалбек.

- Оов.

- Кел, отурчу жаныма.

- Колум бошосун.

- Туруп тураар, анан өзүм жардам берем.

- Ошо кантип болсун? - Жылмая карады Умсунай. - Өзүм эле бүтүрөм.

- Жаныма отурчу бир аз.

- Азыр.

- Тезирээк кел! - деп ордунан каткыра өйдө болду. - Бул буйрук.

- Азырынча буйруктун мага тиешеси жок.

- Чынбы?

- Ооба.

- Азыр көрсөтөм, - деген Жамалбек тура калып, Умсунайды колтуктан алып, төшөктү көздөй алып келди да, кучактай жыгылды. - Кана, эми айтчы, менин буйругум күчүнө кире элекпи? - деп өпкүлөп, бекем кучактап жатып алды.

- Ооба, азыр күчүнө кире элек, - Умсунай дагы кыткылыктап күлө Жамалбектин мойнуна колун ороп алды. - Кол коюла элек.

- Качан кирет анан?

- Никеге тургандан кийин.

- Чын айтасыңбы?

- Чын.

- Асылым десе, кайда жүрдүң көзгө көрүнбөй… - Аймалашып жатты.

- Мен бойдок кезде кайда элең?

- Ошону айтчы, асылым, жолугушчу жолдорубуз картайганда кездешсе кантебиз?

- Ушуга шүгүрчүлүк.

- Ырас айтасың, биз жолукчу жолдор кайчылаш, тагдыр бизди адаштырып койгон тура бир кезде, табышалбай кайчы жолдон издешип, жолугушуп турабыз эми ушул кезде, - деп дагы кучактап алып, өпкүлөп жатты.

- Тагдырымдын ушул күнгө жеткирээрин түк ойлогон эмесмин.

- Дайыма ойлобогон нерселер боло берет, асылым.

- Таң калам, бир адамга жолугам деп эсиме да албагам.

- Ыраазысыңбы, жаным?

- Кудайга шүгүр, кудайга ыраазымын.

- Асылым, кучагымдан эч качан чыкпачы.

- Ма-акул, - Наздана күлүп койду. Экөө жаңы үйлөнгөн жаш жубайлардай кумардан чыккыча бири-бирин рахатка бөлөп, көптөн кийин чалкасынан түшүп жатып калышты.

- Умсунай, мени мен сүйгөндөй сүйчү, жаным.

- Эмне дедиң?

- Укпадыңбы?

- Бир башкача үн алыстан-алыстан угулгандай болду.

- Койчу.

- Ырас эле.

- Мен дагы сенин сөздөрүңдү жаңырык сыяктуу, тээ качандыр бир кезде уккандай сезип жатам, - Жамалбек башын көтөрө Умсунайдын ачылып турган көкүрөгүн аймалай: - Сен ишенбейсиң, бул биздин мурунку жашообуздагы айтылган сөздөр, - деди күлө. - Демек, биз кайрадан жолугушуптурбуз, эми гана чындап ишендим, дал китептегидей.

- Кайра жаралуу дегенге эч качан ишенбейм.

- Мейли, өзүң эле бил, бирок мен кайрадан жаралганыма ишендим.

- Ал жалган.

- Эмнеге?

- Өлгөн адам кайра келчү беле?

- Келбейт, болгону кайрадан башка адам болуп келет.

- Муну фантастика десе болот, апыртма элди гана кызыктырат.

- Балким ошондойдур, бирок менин жашоомдо кандайдыр бир өзгөрүүлөр жүрүп жатпайбы?

- Өзүңдү ал ойдон таптакыр алыстат, мээден кайра жаралууну чыгарып сал, ошондо гана өзүңө келесиң.

- Макул, ошондой дейли, кыскасы, биз жүрөгү назик, акылдуу жаралган пенделербиз, өткөндү эстегенге кудуретибиз жетиши керек го?

- Талашпайм, - Умсунай эшиги ачык экенин эстей ордунан шарт турду да, эшикке жетти.

Жамалбек ал күнү кетпеди. Түнү бою Умсунай экөө сүйлөшүп да, чер жазышып да, кумардан чыгышты. Эртеси экөө ээрчише короодон чыгып, машинага отуруп жөнөп кетишти. Алар кетээри менен Марсел келип, дайындуу жерден ачкычты алды да, үйгө кирди. Зымылдата жыйналган үйгө кирип: "Байкуш апам ай, жалгыз үйдө жаман болду, коңшу-колоңдор эмне деп жатат болду экен, картайганда энесин таштап койду дешет го, кой, үйлөнбөсөм болбойт" деп муздаткычты карап, даяр тамакты көрдү, тамак жылуу экен. Койдун бир саны турат: "Мени келет деп алып койгон тура, апакем ай, кыйналып кетти, базарга чыгарбай эле үйгө бакпасам болбойт. Канча кыйналып иштесең да, жарытылуу акча колго тийбейт, үйлөнүү үчүн бир топ керек, бул он беш миң сом эмнеге жетмек эле" деп каңырыгы түтөй тамак жылытып ичип, эс алганга диванга жатып алды. Ал катуу уктап калган экен, карс-курс этип, эшиктен Турусбек киргенде ойгонуп кетти.

- Аа-а, иним, кандай? - Турусбек өтө мас экен.

- Жакшы, келиңиз, байке?

- Келдим, өзүң жалгызсыңбы?

- Ооба, апам базарда го.

- Иним, экөөбүз сүйлөшчү сөз бар, - деп бутун чечпей эле диванга келип отурду.

- Ал кандай сөз?

- Чү-үш, - деп ыргалган менен сөзүнөн жаңылбай, Марселди бир азга үнсүз карап турду. - Сен менин бир тууганымсың, ээ?

- Ооба.

- Мен сенин агаңмын, туурабы?

- Туура.

- Анда мындай, мен агаң болчумун, эми атаңдай көр!

- Эмне? - Марсел ордунан ыргып турду.

- Отур-отур, сөздү аягына чейин ук да.

- Сөзүңүз уга турган сөз болсо угам, - деди Марсел кабагын бүркөй. - Апам жөнүндө сүйлөбөңүз.

- Эмнеге? - Турусбек Марселди ормойо карады. - Апаң жашында калдыбы - калды-ы, силерди бактыбы - бакты-ы, дагы багам деп иштеп жүрөбү - жүрө-өт, силерге дагы эмне керек, жашында жесир калган аялды илгертен кайниси алат, буга шариятта жол ачык!

- Байке, менин сизге колум тийбесин, ушул сөздү сизден башка бирөө айткан болсо, азыр мурдун жарат элем, - деди да, Марсел аны карысынан кармай сыртка алып чыгып койду. - Экинчи жолу ушул сөздү оозуңуздан уксам таарынбаңыз!

- Эй-эй, бала, сен мени үйүңдөн чыгарганга жарап калдыңбы, ыя? - деди да, темтеңдей басып кетти. Марсел кыжаалат болуп отурганда Умсунай келди.

- Каралдым менин, аман-эсен келдиңби?

- Келдим, апа, жалгыз кыйналдыңбы?

- Жо-ок, балам, - деген Умсунай түндөгү ырахатты, Жамалбектин жалынычтуу сөздөрүн, аймалашууну ойлонуп, - Башка келсе жалгызбы, жаныңда бирөө барбы, бирдей эмеспи, менин силерден башка кимим бар, садага, - деди уулунун мойнунан шор эттире жыттап.

- Эми алыска кетпейм, барып-келип иштей турган жумушка эле иштебесем.

- Мени кудай алмак беле, уулум, андан көрө кабыргаң кайышып кетти го, каралдым?

- Жок, апа, кыйналбадым, мына он беш миң сом иштеп келдим. Менин айлыгымдан бир сыйра кийинип алчы, апа, - деп апасына таап келгенин сунду.

- Менин кийимим бар, балам, үйлөнүп калсаң кереги тиет, катып койойун, менин дагы катканым бар, жыйырма беш миң сомду кошуп катам, буйруса үйлөнүп алсаң, жалгыз болбой калам, - деп Умсунай күлмүңдөй карап, өз ишине киришти. - Тамак жасай койойун, сен отур, уулум.

- Апа, мынча көп этти эмнеге алгансың?

- Ыя? - Умсунай какай түштү. - Аа-а, сени келип калабы деп эле алып келгем, чекесинен тамак жасап жатып, аз калганы, уулум.

- Сейилдер келип жатабы?

- Өткөндө күйөөсү экөө келип кетишкен, эки күн мурун базарга барып, жолугуп кетти.

- Жакшы эле жүрөбү?

- Ооба, жакшынакай эле жүрөт.

- Апа.

- Оов.

- Сен мени үйлөнтөйүн дейсиңби?

- Ооба, антпесе мен жалгыз калат экенмин да.

- Макул, апа, бирок сизге карай турган жакшы кызды кайдан табабыз? - Марсел күлүп калды.

- Ии-ий, садага болоюн десе, өзүң жактырып эле ала бер. Өзүңө жакса, мага жакканы ошол, балам, бактылуу болуп, ынтымактуу жашасаңар болду да. - Эне жүрөгү бир нерседен кабатырланып турса да, уулунун көңүлүнө карап, жайкай сүйлөдү.

- Ма-акул, апа, ойлонуп көрөйүн, кыз издейин, ээ? - деп Марсел апасына күлүмсүрөй карады, өзү жактырып жүргөн Азиза деген кызды көз алдына келтирип, ойлонуп отуруп калды. Умсунай уулуна тамак жасап, эми алдыга келгенде машинанын токтогон үнү угулуп, Умсунай эмне кылаарын билбей калды, эч нерсе билбегендей тамагын куюп отура берди эле, эшик тыкылдап калды. Жамалбек сырткы калганы ачып, эркектин бут кийимин көрүп, түз кирип келе албай такылдаткан болчу. Марсел чыга калып, салабаттуу адамдын турганын көрүп:

- Келиңиз, сизге ким керек эле? - деди.

- Ассалоому Алейкум! - Жамалбек уланды боолголой колун сунду.

- Алеки Салам, - деп Марсел саал уялгандай, - кимди издеп жүрдүңүз эле, жаңылып калдыңыз окшойт, - деди дагы кайталай.

- Мен Умсунайга келдим эле, үйдө бекен?

- Ооба, - деди да, жол бошото берди.

Үйгө кирип келгенден кийин апасынын таанышы экенин сезип, жер карап, тамагын ичип жатты.

- Уулум, капа болбо, апаң экөөбүз илгертен коңшу жашаганбыз, бир иштер менен келе калдым эле, - деди көптөн кийин.

- Жок-жок, , кабатыр болбоңуз, мен эмнеге…

- Тамактан алыңыз, - деди үлдүрөй Умсунай.

- Аа-а, рахмат, алып жатам, кыскасы тоскоол болбодумбу?

- Эмнеге андай деп ойлойсуз, жай отуруп, жакшы сүйлөп бериңиз, - Марсел оттуу көздөрүн кадай Жамалбекти карады. - Үйгө келген конокко капа болгон кыргыздын салтында жок экенин билесиз да.

- Да-да-а, - деген Жамалбек: "Баланын жүрөгү курч, көздөрү оттуу экен, жүнү тирүү, оңой менен сөзгө келбес" деп ойлонуп алды да, бир аз отуруп, тамактанып алып, кетмек болду. Ошол кезде Марсел сыртка чыгып кетти.

- Эмнеге келдиң, бүгүн келбей койсоң болмок экен, мага капаланбаса болду эми, - деди Умсунай үнүн пас чыгара.

- Умсунай, мен сени көрбөсөм, үйүмө батпай калдым, кайра эле сени көздөй жөнөйм.

- Кой, баланын сөзүн сүйлөбөй бар, эртең жолугушабыз, - деди Умсунай, экөө сүйлөшкөнчө жол тарапка чыгып, машинаны көргөн Марсел: "Мм, демек кычыраган адам экен, апама кандай жакындыгы бар, эмнеге келди, кандай жумушу бар?" деп ойлонуп турганда Жамалбек чыга калды. Умсунай үйдөн коштошуп кала берген.

- Кана, жигит, коштошуп койолу, менин келгениме апаңды күнөөлөбө, жумуштар менен кайрылып калгам, - деди колун суна.

- Кабатыр болбоңуз, апам сиз ойлогондой эмес, бирок бейтааныш экениңизден улам таң калганым чын, жакшы барыңыз, - деди Марсел дагы кол узата. Жамалбек машинасына отуруп жөнөп кетти. Үйгө кирип эми эне-бала сүйлөшө албай отурганда, кайнагасы Сталбек, абысыны Таалайкан кирип келишти.

- Келгиле, аке, - деп Умсунай тура калды.

- Келдик, балам, жанагы жинди биерге келген жокпу? - деди Сталбек отуруп жатып.

- Келген, Турусбек байкемби? - деди Марсел ооз учунан.

- Умсунай, биз сага келдик, Марселдин бары да жакшы болду, - деп Таалайкан Умсунайды карады. Умсунай үн-сөзсүз алардын алдына тамак куюп коюп отурган. - Турусбек үйбүлөсүнөн ажырап калганын билесиң да, - деди да, күйөөсүнө карады эле, ал айта бер дегендей башын ийкеп койду. - Жеңемди мага алып бергиле деп эле жаныбызды койбойт.

- Ошол кебетеси менен апама күн көргөзөбү аныңар, апам эмес мен жооп берем, эми биз чоңойгондо, күйөөгө тиймек беле?! - деди Марсел жини келе.

- Уулум, өзүбүз тууганбыз, шариятта жол берилген, Умсунайды алып берсеңер, ичкенимди койом дейт.

- Болбойт! - деди Марсел орой.

- Аке, жеңе, мен Турусбекке күйөөгө тийбейм, ансыз да күнү-түнү тынчымды алып, мага тынчтык бербей койду, - деди Умсунай баш көтөрө. - Ушунча жыл эрге тийбей балдарды бактым, жыйырма тогузумда жесир калдым, чиедей балдар менен кемпирди бактым, ошондой эле карачу кайнилер болсо, ошондо кайда жүрдү, эми мага күйөө эмес балдарымдын сыйы гана керек!

- Ботом, анда Турусбек да үйбүлөлүү болчу, ылайыктуулары болгон эмес, эми деле кеч эмес, жашсың азыр деле, Турусбекти оңдоп койсоң ажеп эмес, - деп Таалайкан чүйрүңдөй сүйлөдү.

- Жетимдерди багып азап тартканы аз келгенсип, бир алкашты оңдойм деп азапта калсынбы, сиздер капа болбоңуздар, мындан ары тууган бойдон калалы, Турусбек байкеме болсо, аялды башка жактан издеңиздер.

- Мейли, балам, биз деле Умсунайдын макул боло койооруна көзүбүз жеткен эмес, айла жок келдик эле, - деп тамактарын ичип болуп, жөнөгөнчө шашты. Умсунай кыжаалат боло кайнагаларын узатып чыгып, кайра келди.

- Ээ, апа, - деди Марсел апасына жайдары жылмая.

- Ийи, эмне болду, уулум?

- Сизге куда түшкөндөр мурда да болду беле?

- Койчу, балам, андай болгондо деле экөөңдү таштап кайда бармакмын, - деди ойлуу Умсунай.

- Жанагы киши деле жуучуларданбы дейм да?

- Обу жок болбо, балам, апаңа ушундай сөздү айтууга жарап калдыңбы, ыя? - Умсунай жаза-буза уулун жонго чапкан болду.

- Кечирип койчу, апа, бирок баланын үч парзы бар деп уккамын, билесизби мага тагаңыз бала кезимде эле айткан, жалгыз баласың, апаңа күйөөгө тий деп үч жолу айт деп.

- Кулагыма угузба, мени менен тамашалашканча үйлөн, небере көтөрүп, мен дагы кубанып калайын, - деп Умсунай телмире тунжурап ойго түшүп кетти: "Каралдым үйлөнсө экен, жакшы келин туш келип, неберелеримди көтөрүп айылчыласам" деп бир чекитти тиктеп отуруп калды эле:

- Апа, эмнени ойлонуп калдың? - Марсел маңдайына отура калып сурады.

- Эмнени ойлонмок элем, сенин балдарыңды көтөрүп алып, айылдап жүрөм кыялымда, - деп уулунун мурдунан чымчып койду. - Мени коюп, өзүң аял алып, мени неберелүү кылсаң, баса, Сейилдин боюнда бар экен, доктурга барыптыр, кубанганымды айтпа, балам, - Күлүмсүрөп койду. Марсел апасынын жүзүнө карап туруп, боору ооруп кетти: "Алтыным апам ай, Сейил экөөбүздү жетелеп, базарга барып келип, иштегениңди кантип унутам, эгерде жакшы адам чыкса, күйөөгө тийсең каршы болбойм, апаке" деп улутуна туруп барып, диванга отуруп телевизорду койду. Умсунай өз ою менен алек болуп, жумушун жасап жатты. Жамалбектин сүйлөгөн сөздөрү, мүнөзү, баскан-турганы көз алдына тартылып: "Жакшы адам, жок дегенде, он жыл мурунураак жолукканда эмне, балдарым жашыраагында көнүп калат эле, каршылык кыла албас эле" деген ой башынан алыс кетпей алагдыланып жүргөн. "Убакыт дегениң учкан куш дейт тура, балапандарым темир канат болду, уядан учуп, өз алдынча болгону турат" деп ойлоно берди. Марсел эки-үч күн үйдө болду, анан бир күнү апасына келип:

- Апа, бир кыз көрсөтөйүнбү? - деди кучактай калып.

- Качан?

- Сен качан десең.

- Макул, алып кел.

- Оо-ой, алтын апакем десе, ошол кыз жагып калса, быйыл үйлөнөм ээ, апа? Мен эртең алып келем, үйдө болуңуз, ээ?

- Ма-акул, эркем, сен кандай десең мен ошого макулмун.

- Ур-ре, алтын апам менин, - деп Марсел Умсунайды көтөрүп ала коюп, тегеретип, эки бетинен өөп-өөп алды да, сыртты көздөй жүгүрдү.

- Тентегим десе, ырыстарым десе, алганың жакшы чыксын, үйбүлө курсаң ынтымактуу, түбү бекем болсун, садагам, - деп кубанычтуу күбүрөнүп алып, эртеңки болочок келинин коноктогонго дасторкон даярдаганга киришти. Өмүрүндө Жамалбекке жолукканына бир кубанса, бүгүн келин болчу кызды көрсөтөм дегенге экинчи жолу кубанып отурат, жүрөгү дүк-дүк этип, өзүнчө алып учуп, жан алы калбай жатты. Кечинде Марсел Сейил менен Азатты ээрчитип келип калды, эне-бала учурашкандан кийин:

- Кандай, кызым, кудалар жакшы жатабы? - деди.

- Жакшы, сизге салам айтышты, Марсел байкем болсо, бизди болбой эле чакырып баса берди, аябай жирный келген го ээ, апа, балаңыз?

- Кудайга шүгүр, кызым, сенден кутулгам, эми келин алып алсам, анан санаам тынып калчудай го? - Эне мулуңдай кызын карап койду. - Эртең үйгө болочок келин келет.

- Чынбы, анда ошого алып келген тура, жакшы болуптур, куттуктайм, апаке! - деп Сейил апасынын мойнуна асылып, кубанганын кошо бөлүшө кетти. - Кайдан болот экен?

- Эртең билебиз, - Ошол убакта Марсел менен Азат сырттан кирип, залга өтүп бараткан, Умсунай оозун кымтый: "унчукпа" дегендей белги берип койду. Кызынын көрүнүшүнө ичинен кубанып алды. Сейил мурдагыдай мурчуйбай күйөөсүнө жадырай карап, агасы болуп божурашып жатты. Кыз-күйөөсүн коноктогону тамак жасап жатып да, Жамалбекти ойлонуп алды: "Эмне кылып жатат болду экен, биякка келе албай калды. Эми эмне болот, балам уруксат бербей койсо кантебиз, ойнош болуп кала беребизби, ай кудай ай, эртерээк жолукпай же жолукпай койбой" деп алагды.

Эртеси эрте туруп, Сейил экөө үй ичин жыйнап, дасторконун жайып, үстүн толтуруп, тамак-ашын белендеп күтүп калышты, түш ченде Марсел узун бойлуу, чачы кыска, шымчан кызды ээрчитип келип калды. Үйгө киргизип төргө өткөрдү. Сейил аны көрүп эле саал ирээнжигендей болду. Саал жылмая ызаат кылып, иймениңки көрүнгөн кызга, Умсунайдын ичи жылып отурду. Бир чыны чай ичип эле:

- Ичтим, рахмат, - деди кыз сыпайы.

- Ичсең боло, кызым, тартынбай отура бер, бул Марселдин карындашы, мен болсо апасымын, - деди Умсунай, - Атың ким, кагылайын?

- Азиза.

- Ата-энең барбы?

- Жо-ок…

- Мейли, кызым, кысына бербе, бир туугандарыңчы?

- Жок, мен жалгыз элемин.

- Кимиң бар?

- Мен детдомдо чоңойгом.

- Аа-а, - деген Умсунай бир азга үнсүз туруп калды: "Жалгызыма жөлөк, таяк болчу жерден болгондо болот эле, аттиң уулума жагып турса, эмне дей алам, бактылуу болуп башы эсен болсо болду" деп телмире ойго батып кетти. Ошол убакта эшикке чыгып кеткен Марсел кайра кирди:

- Апа, тааныштыңарбы?

- Ооба, балам, өзүң тааныштырбай кетип калдың, отур Азиза менен отуруп тамактан.

- Өзүңөр таанышсын дебедимби, - Марсел Азизага карады. - Азиза менин апам менен карындашым жактыбы?

- Жакты.

- Сейил сагачы, Азиза жактыбы? - деп Марсел Сейилге карап, эркелете чачынан сылап койду.

- Жакты…

- Анда мындай, апа, мен эки айдан кийин Россияга кеткени жатам, эмки жумада документ даярдатам, кийинки жумада үйлөнөлүбү? - деп Азизага караганда ал жер карады.

- Уулум, ошончолук шашылышпы, Россияга эмне жумушка кетип жатасың? - Эне уулун үрпөйө карады.

- Апа, жумуш жакшы, кудай буйруса, бир жыл иштеп келсем, үйдү башкача салдырам, - дегенде Умсунай унчукпай калды. "Ушунум эстүү болуп, мени багат деп жүрдүм эле, алып келген кызынын көзүнчө бул эмне дегени, жеткирип коюп деле өзүбүзчө кеңешет элек го, деги аман болсунчу, алса-алсын өзү билсин" деп таарынып, жүрөгү сыздап отуруп калганда Сейил тамакты алып келди. Чогуу отуруп тамактанышты да, Марсел Азизаны узатып кетти.

- Апа, балаң кайдагы немени таап алган? - деди Сейил алар кетээри менен. - Мен бул кызды сыртынан билем, сойку болуп жүргөн неме го?

- Койчу, кантип эле?

- Койбой эле, муну Азат көрсө таанымак, ошол айылдан болот, ата-энеси деле бар.

- Карангү-үн, дагы эмне дейт, кокуй?! - Умсунай делдейе кызын карады. - Азаттын көрбөгөнү деле дурус болгон экен анда.

- Көргөндө эмне, байкемди кой деп билгенин айтат эле да, болбосо ишенбей алып алып, элге шерменде кылат, - дегенде Марсел кирди.

- Эмнени айтып жатасың?

- Азиза жөнүндө, байке ал кызды канчадан бери тааныйсың? - деди Сейил.

- Бир айдай болду, көрдүңөрбү чоюлган кыз, апаңды өз энемдей кылып багам деп келет байкуш, көп сүйлөбөйт, - Марсел жан алы калбай мактап кирди. - Ата-энесинин жогуна арман кылат.

- Байке, аның оюн куруп жаткан жокпу?

- Кандай оюн? - Марсел карындашын таңдана карады.

- Ата-энеси бар туруп, бирөөнүн башын айланткысы келген оюн, байке, ал кыз Азаттын эле айылынан болот, ата-энесинин үйүнө барбай эле талаалап жүрүп, таанымал болгон неме.

- Жок, ишенбейм! - Марсел үнүн катуу чыгара кыйкырды. - Кантип калп айтмак эле?

- Марсел, өзүңдү бас, акыл менен абайлап сырын бил, балам, биз сени жаман болсун демек белек, - Умсунай уулуна токтоо карап акыл айтты. - Ким билет, андай эместир, сен аны менен сүрөткө түшүп кел, Азатка көрсөтөлү, анан баары белгилүү болот.

- Андай болушу мүмкүн эмес, апа, Азизанын назиктиги, жумшак мүнөзү, көп сүйлөбөгөнү баарын айтып турбайбы? - деп айласы куруй апасын бир, карындашын бир карап отурганда Азат кирди. Ал келип отураары менен Сейил.

- Азат, силердин көчөңөрдөгү кызы бузулуп кеткен киши бар го, ошонун аты ким, сен тааныйсыңбы? - дегенде Марсел күйөө баласын кунт койо карап: "Башка болуп калса экен, ылайым ал эмес десе экен" деп ичинен тилеп, чыдамсыздык менен күтүп жатты.

- Кайсы, Токтобекти айтасыңбы?

- Ии-ий, ошол, кызынын аты ким эле?

- Азиза, ал мени менен окуган, - дегенде Марсел башка чапкандай ордунан туруп, сыртка жөнөдү.

- Марсел, акыл токтото бил дедим го, уулум, кайда жөнөдүң?

- Апа, камырабай отура бер, мен азыр келем, - деди да, болбой кетип калды. Азат таң калганын жашыра албай Сейилден сурады.

- Эмне болду?

- Азиза байкемди ата-энем жок, балдар үйүндө чоңойгомун деп алдап жүрүптүр, алып келген кызы ошол экен.

- Ой, акмак, а сен аны кайдан билдиң?

- Мен бир көргөм, кайдан көрдүм эле деп ойлонуп отуруп, таап алдым, кечигип кала электе жакшы болду, - Сейил эбиреп-жебиреп жатты. Умсунай үнсүз отура берди, оюнда баласын аяп, уятынан бирдеме болуп калабы деп коркту. Азат менен Сейил үйлөрүнө кеткенден кийин дагы сарсанаа болуп жатты. Марсел ошол эле түнү үйүнө келди да, Россияга кетээрин айтып, Умсунайдан акча алып, кийинки жумада кетип калды. Үйлөнбөйм деп так кесе айтып койду апасына. Аргасыз жөнөтүп кала берди. Умсунай анын ал-абалын ойлонуп: "Курган балам, катуу сүйүп калган экен, балаң кургур ай, кайдан жолугуп калды экен" деп ойлонуп Сейилди тилдеген болду.

- Кызым ай, шап оозсуң да, койо турсаң болмок, эмнеге айтып ийдиң, эми качан келет, качан үйлөнөт.

- Апа, анан ошол сойкуну алмак беле?

- Сойку болмоктон балээ болсо да, баламдын көөнүнө жакса болду го, эми бөтөн элде кандай болот, кантип жүрөт? - Эне ыйламсырап кала берди. Кайрадан жалгыз калды, түбү бүтпөгөн ой санаа.

Базарга жөнөмөк болуп жатканда Жамалбек келди жанына, ал көптөн бери үйүнө баралбай, жолугалбай калган, ордуна келиштен Айсалкындан тартынат, агүнү ал дагы келген эмес.

- Умсунай, - деди акырын Жамалбек.

- Кандайсың? - Умсунай салкын учурашты.

- Жакшы көрүшө албай кеттик го, асылжан.

- Ошондой болуп калды го…

- Бүгүн сага конокко барсамбы деп турам, Марсел менен ачык эле сүйлөшүп, сенин башыңды бошотуп албасам, - Күлүмсүрөй келип, өөп койду. - Эмне дээр экен уулубуз?

- Ал жок.

- Кайда кетти?

- Россияга.

- Иштейм дейби?

- Ооба…

- Аа-а, жаштар алысты көксөшөт, жерде турган алтынды тере албай асмандан издешет, ошого капасың го, ээ?

- Капаланбай анан, мен аны үйлөнүп, келиндүү, неберелүү кылат деп кубанып отурсам… - Экөө катар баса базардан чыгып, Жамалбектин машинасына отуруп жөнөштү.

- Асылым, эч капаланба, баары жакшы болот, уулубуз Москвадан түз гана машина алып келсе, гүл менен тосуп алабыз, көрөсүң го?

- Ошондой эле болсо кана, өзүнүн аман келгени дагы мен үчүн олжо эмеспи, Жумаке.

- Асылжаным, балдардын ыйык жана бийик ой-максаты болот, тилегине жетиш үчүн ары урунат, бери урунат, анан бир ишти баштап эс алат, алдына максат койо билген, максаты чоң адам эч качан жерде калбайт, - деп кобурашып жатып, үйгө жетип келди.

- Жамалбек.

- Оов, жаным, - Жамалбек күлүңдөй карап, сөз күтүп калды.

- Менин жан дүйнөм ооруп турат, өзүм дагы ооруп калдым окшойт, бир аз эс алайынчы, - деди кирип эле Умсунай.

- Кана, көрөлүчү, - деген Жамалбек чекесин карап көрдү. - Оо-уу, ысытмаң бар го, дары бар беле?

- Жо-ок, дары деле ичип көргөн эмесмин.

- Анда мен алып келе калайын, - Жамалбек машинасын от алдырып, жөнөп кетип, заматта дары-дармек алып жетип келди. Ал келгенче Умсунай чыдай албай онтолоп жаткан, дары ичип бир аз жаткандан кийин эс ала түштү, Жамалбек өзү өнтөлөп жатты. Айланчыктап ысык чай берип, жылуулап жаап жанында. Умсунай ооруп жатып: "Жаныңда жан күйөөрүң болбосо кыйын тура, Жамалбек болбосо кантет элем, аттиң баланы багат экенсиң, жалгыздыгыңа карабай гана өзүн ойлонуп басып кетет тура, кантейин аман болсунчу" деп көзүнүн жашы жаздыкка агып жатты. Аны көрүп Жамалбек унчукпады. "Ыйлап бугун чыгарып алсын".

- Умсун, көп кайгырып ойлоно бербечи, жаныңда мен турамын, сенин жаныңдан карыш чыкпайм, жаным, - деп көптөн кийин жашын аарчып, жүзүнөн өптү.

- Мени сен таштабайсыңбы?

- Эч качан.

- Таштабачы, таштай көрбө мени, Жамалбек?!

- Өлгөнчө бирге болобуз, асылым.

- Ыраспы?

- Ырас айтам, жаным.

- Эми ишендим, мени таштабай турган бир гана жан бар экен, ээ. Сени жолуктурган кудайга миң мертебе ыраазымын…

- Эс алдыңбы?

- Жакшы элемин, жүрөгүм ооруп калбадыбы? Уулумду мени таштап, алыска кетет деп түк ойлобоптурмун.

- Эч нерсе эмес, андан көрө белиңди бек бууп, Марсел келгиче зыңкыйып, баштагыңдан жазба, жаным, дүңгүрөтө той берип үйлөнтөбүз, келиниңден жапжаш болуп, тойдо өзүң жүрөсүң ошондо, Сейил кызыма тааныштырып койсоң, тил табышып алсак, бактылуу болобуз.

- Ошо айтканың келсе экен, бүгүн сенин келип калганың жакшы болбодубу, сен болбогондо, өлүп калмак экенмин.

- Мен сени көрбөй куса болуп келдим, Айсалкындан тартынып, базарыңа да келе албайм, - Сырдашып, сыр чечишкен жарты адамдар бири-бирин толуктап, бири-биринин көңүлүн көтөрүп бактылуу болуп отурушту. Ошол күнү кайрадан ысытмасы көтөрүлүп, дөөрүп жатты Умсунай, улам дары-берип, Жамалбек уйку көрбөдү. Эки-үч күн туралбай жатып араң дегенде ордунан турду. Ооруканага алып барайын дегенине көнбөй койду. Жамалбек дагы кетпеди. Эшикте жүрсө Сейил келип калды.

- Апа, ооруп жатасыңбы? - деди түрүн көрүп эле.

- Ооба, кызым, агаңдын азабы го?

- Аны эмнеге ойлойсуз, аман болсо келет да иштеп, өзүңдү карачы андан көрө, - деп келатып үйдөн чыгып келе жаткан чоочун адамды көрүп, таңгалып калды.

- Саламатсыңбы, кызым? - Жамалбек озуна салам айтканда, Сейил баш ийкеп:

- Жакшысызбы? - деди. Бул жолу Умсунай кызынан тартынбады, ачык айтып түшүндүрмөк болду оюнда.

- Кызым, жакшы жатасыңарбы?

- Жакшы…

- Апаң үч-төрт күндөн бери катуу ооруду, ооруканага алып барайын десем, болбой койду.

- Билбей калдык, мен деле чыга албайм, көрүнсөңүз болмок экен, - деди Сейил ыйласырай. Ээрчише үйгө кирип, анан кызына суроолуу карады.

- Кызым, мени туура түшүн, сенин жашооң өзүнчө, Марсел болсо ар кайсы жакка кетип, менин жалгыздыгымды ойлоп да койбоду, жалгыз жатып өлүп калсам, армандуу өлүмгө туш болом го?

- Кечирип койчу, апа, мен жаныңда болоюн, Азат экөөбүз тең келип багабыз сизди, - деп Сейил апасынын оюн, ички сырын түшүнбөй эле айта салды.

- Жо-ок, кызым, сен барган жериңде тынч жашай бер, кыздын отурган жеринен орун алганы жакшы, - Умсунай эмне деп түшүндүрөөрүн билбей мукактана түштү. - Түшүнчү, кызым, мен жанагы адамга баш байлап алайын…

- Эмне дейсиз? - Сейил чочуп кетти. - Эмне деп жатасыз, апа, эмнеге ал кишиге, эч кимиси жоктой болуп, биз турбайбызбы?! - деп буркулдап ыйлап жатты.

- Ооба, балам, мен өз милдетимден кутулдум, жалгыз тамда өлгүм келбейт, Марсел келсе, аны да үйлөнтүп, ушул үйгө ээлик кылып койом, мени кечиргиле, балдарым… - Умсунайдын көзүнөн өкүнүч менен армандын жашы мончоктоп куюлуп жатты. Ал азыр башынан тайкы жаралган тагдырына кейиди. Маңдайынан сылаар ата-энесинен эрте ажырап, бирөөнүн колунда көз каранды болуп, түрткүнчүктө жаштыгы өтүп, андан кийин кырчындай курагында күйөөнүн ырахатын көрбөй жашында жесир калганына, эки баланы жетелеп жүрүп ысыкта да, суукта да базарда жүрүп өткөн өмүрүнө кайгырып ыйлап жатты. Сейил андан бетер ыйлап өкүнүп жатты. Бирок каршы эч нерсе дей албады.

- Апа, мен үйгө барайынчы, ойлонушум керек, - деп көз жашын аарчый чыгып кетти. Умсунай унчукпады, секелек кызын түшүндү, кабыл алалбай өөндөп жатканын билди. Жүрөгү тыз эткен бойдон отуруп калды.

- Умсун, көп капалана бербе, кызыбыз укту, жакшы болду, алар түшүнөт, эртең эле кайра келет, - деп Жамалбек кирип, Умсунайды кучактап көпкө отурду.

- Бир оор жүктөн кутулдум окшойт, секелегим таарынып кетти. Түшүнүп турам, анын жүрөгү назик, абдан боорукер, мени таштабайт, - деп Умсунай шыбырай сүйлөдү.

- Туура, балдар бизди түшүнөт, - деди Жамалбек ага жооп кылып. Бири-бирине канат болгон эки адам, өз ойлору менен алышып отура беришти…

Көп күндөр өттү, Сейил келбеди. Умсунай ооруп калганда, Жамалбек ооруканага жеткирип карап жатты, денсоолугу начарлап, ысытмасы көтөрүлүп, улам кызын, уулун сурай бергенинен Жамалбек үйүнө келип, кат жазды да, кыстарып коюп кетти. Арадан он күндөй өткөндө, Сейил кирди палатага, Азат жанында. Умсунайды карап отурган Жамалбек тура калды.

- Кел, кызым.

- Саламатсызбы? Апама эмне болду? - деп Умсунайдын үстүнө үйрүлө ыйлап жатты. - Апа, апакебайым, эмне болуп кетти, мен келдим, апа, көзүңдү аччы, апаке!

- Сейил, кыйнаба, кызым, апаң азыр эле укол алып уктады, - Жамалбек ушинткенде Сейил аны көзүн алайта ызалуу карады.

- Мени, кызым, дегенге ким укук берди сизге?!

- Кой, кызым, улуу кишилер адатта жаштарды "кызым, уулум" деп кайрылат, эгер ашыкча кетсем кечирип кой, кызым…

- Сиз биздин жашообузга аралашпасаңыз, апам оорубайт болчу, деги кайдан пайда болдуңуз?

- Сейил, уят эмеспи, апамдын да көңүлүн оорутуп аласың, азыр акыйлаша турган убакпы, кой жөн бол, - Азат келинчегин колунан тартып тыйды эле, ал унчукпай калды. Аларды медсестра кирип:

- Сырттан күткүлө, бул жерге турууга болбойт, бир сааттан кийин ойгонот, - дегенде унчукпай эшикке чыгышты. Азат менен Сейил отургучка отуруп калды, Жамалбек ары карай басып кетти.

- Улуу кишиге минтип сүйлөгөнүң болбойт да, андан көрө апам өзүнө келсин, сүйлөшүп ал-абалын билели, ал кишинин көңүлүн оорутпа, - Азат Сейилдин колунан кармалап отуруп, сооротуп жатты.

- Жо-ок, апам ошону үчүн ооруп калды, мен аны жолотпойм, ал ким экен, апам күйөөгө тием деп мурда кеп кылчу эмес, - Сейил токтоно албай ыйлай берди.

- Апам Марселди ойлонуп эле ооруп калды, ал дагы туура эмес кылбадыбы, Москвага кетпей эле койгондо болмок, жалгыз калса анан кейийт да, бул киши жаман киши эмес экен, көрүнүшүн кара, маданияттуу адам көрүнөт, атабыздай кишини капа кылган болбойт, - деди Азат аялынын көз жашын аарчый.

- Айтчы, Азат, апам жакшы болуп кетеби? - Сейил Азатка жөлөнүп алып, соолуктап ийди. - Деги апам аман калабы?

- Коркпо, жаным, антип жаман ойлоно бербе да, буйруса апам сакайып, баягысындай болуп кетет, көрөсүң го, азыр биз киргенде күлүп тоспосо мага кел.

- Апамды жоготуп алуудан корком, жакшы тилектери бар эле, ошолорго жетсе экен, - Улутуна сооронуп отуруп калды.

- Жетет, буйруса, Марсел келсе үйлөнөт, апам маңдайыбызда болот, биздин балабызды көрөт, эч ойлонбо, жаным, сага минтип кейигенге болбойт, балага зыян, андан көрө, биз аны жалгыз калтырбашыбыз керек болчу. Ошол убакта Үтөбай менен Үрпиян келип калды.

- Сейил, садага болоюн десе, апаң кандай, жакшы элеби?

- Жакшы, мен келсем уктап жатыптыр…

- Эмнеси ооруптур, дегеле ооруганын көргөн жок элем, - деп Үтөбай кабатырлана карады. Аңгыча медсестра аларды чакырды эле, жабыла кирип келишти, көзүн ачып жаткан Умсунай аларды көрүп, саал жылмая башын көтөрмөк болгондо Сейил барып, төшүнө жыгыла ыйлап ийди.

- Ыйлаба, кызым, мен жакшы элемин, - деди алсыз, анын көзү босогодо турган Жамалбекке урунду, тигилер тегеректеп, ал-абалын сурашып, өздөрүнчө бабырап жатканда унчукпай Жамалбек аяк жагына келди.

- Өзүңдү жакшы сезип калдыңбы?

- Жакшы элемин, сен да кыйналдың го, эс алсаңчы, - дегенде Сейил аларды карап калды. - Канча күндөн бери уйку көрө элексиң, бүгүн эс алып кел.

- Мен кыйналбайм, сен сакайып кетсең болду, бизди эмес өзүңдү ойлончу, Умсунай, - деди Жамалбек жанына келип.

- Мен силерди кыйнап койдумбу, Жамалбек? - деди да, акырын өйдө болду. - Кызым, ыйладыңбы, садага, мен сопсоо элемин, бир гана санаа мени жыгып койду окшойт, Азат экөөңөр качан келдиңер?

- Бир-эки саат болду, апа, эмнеге ооруп калдың?

- Марсел алыска кетип калды, сен таарынып кеттиң, анан оорубайымбы, кызым, мен сопсоо элемин, бир аз ойлонгонго эле… - деп Сейилдин чачынан сылап, жыттап койду. - Мени капалантпагылачы, кызым, менин жүрөгүм силер деп кагат, силерсиз мен жашай албайм. Мен эми жалгыз эмесмин, Жамалбек бар, кызым, ооруп калсам да караарым бар, Азат экөөңөр келип кетип гана тургула, садагам, - дегенде Сейил Жамалбекти бир карап алды.

- Апа, Азат экөөбүз эле карабайлыбы?

- Жо-ок, кызым, мен силердин көңүлүңөрдү карап, көкүлүңөрдү сылап чоңойттум, эми силер менин көңүлүмдү карагыла, Жамалбекти кабыл алгыла!

- Апа-а… - Сейил дагы буркурап ыйлап ийгенде Азат аны ары алып кетти.

- Эмне болуп жатасың, апамды кайра оорутуп алба, болду ыйлаба.

- Сейил, - деди Үтөбай. - Кызым, апаңды кыйнабагыла, силердин эми апаңды сыйлаарыңар гана калды, мен уруксат бергемин, апаң өзү кылган жок, жалгыз жашабай ушуга тийип ал деп мен кылгамын.

- Сизби, сиз апамды күйөөгө тий дедиңизби? - Сейил Үтөбайды жалдырай карады. - Эмнеге сиз ошентесиз, апам күйөөгө тийбейт, мен эч качан жооп бербейм!

- Бул жерден чечишчү иш эмес, апаң жакшы болуп үйгө барсын, анан сүйлөшөбүз, зорго турган апаңды кайра оорутуп албайлы, - деп Үрпиян Сейилди тыйды. - Доктурда отуруп чаңкылдаба, айланайын, сен апаңды кайдан түшүнмөк элең? - Баары үндөбөй калышты. Бир аздан кийин сестра келип, укол саймак болгондо коштошуп сыртка чыгып, Жамалбек Азат менен сүйлөшүп турду. Экөө ары жакта турганда Сейилге Үтөбай менен Үрпиян түшүндүрүп жатты. Сейил унчукпай түшүнгөнсүп калганда Азат келип:

- Кеттикпи? - деди жылмая.

- Жакшы баргыла, айланайын, - деди тигилер. Жамалбек акырын машинанын эшигин ачты да:

- Сейил, бул машина силердики, кызым, кана Азат айдачы, - деп күлүңдөй караганда Сейил Азатты карады эле, ал башын ийкей рулга отуруп от алдырды.

- Келгиле, тага, сиздерди жеткирип, анан биз үйгө кетели, - Азат ушинткенде Үтөбай менен Үрпиян бири-бирин карап коюп, машинага отурушту, Сейил алдына отурганда Азат Жамалбекти карап, - Жакшы калыңыз, сизге чоң рахмат! - деди да, от алдырып айдап кетти. Жамалбек баш ийкей колун көтөрүп, күлүмсүрөп кала берди. Ошондо гана анын жан дүйнөсү эс ала түшкөндөй болду: "Аттиң дүйнө, бир келип кетчү дүйнөдө кандай гана пенделер болот, балким балдарым болгондо, мен дагы ушул көйгөйдө калмактырмын. Эмнеси болсо да Умсунай жанымда болсо болду, бир үзүм калган өмүрүмдү ойдогудай өткөрүп, жашоонун кызыгын сүрсөм болду" деп ойлонуп оор улутунуп алды да, палатага баш бакты. Умсунай жаңы гана укол алып бүткөн экен.

- Балдарды жөнөттүм, эч кабатыр болбо, Умсун, алар эми бизге тоскоол болбойт, - деди мулуңдай жанына отуруп.

- Таарынбай эле кетиштиби?

- Жо-ок, таарынбай эле кетишти, калыңга деп машинаны Азатка бердим. - деп жылмайганда Умсунай:

- Бекер кылгансың, акырындап өздөрү түшүнмөк, - деди ойлуу.

- Эч нерсе эмес, балдардын көңүлү, сен аман-эсен сакайып чыксаң, экөөбүз тандап сага жаккан машина алабыз, ээ?

- Өзүң бил, Жамалбек, мен сендикмин, кыскасы, тагдырымды сага тапшырдым, - деди улутуна Умсунай. Бир демге көздөрү менен арбашып, жүрөктөрү бири-биринин дабышын тыңшап, кеч жолуккан жай адамдар көңүлдөрү табышып, алдыдагы жашоолорунан, келечегинен үмүттөнө сүйөнө отуруп калышты…

Курманжан менен Чыңгыздын сөздөрү бүтүп, үйлөнөөрүнө эки күн гана калган. Кийим-кечек тандашып, салонго барып, андан кийин Чыңгыз Курманжанды колтуктап алып, алтын дүкөнүнө алып кирди.

- Курманжан, кана өзүң тандачы, - Чыңгыз Курманжанга күлүмсүрөй карады.

- Тандайбыз, а сен өзүңө, ээ?

- Сөзсүз!

- Мм, мага бул шакекти көрсөтүңүзчү, - деди Курманжан сатуучуга карай, ал алып берди эле, колуна чак келип калды. - Көрдүңбү бир алганда эле туура келип калды, эми сага, - деген Курманжан кубанычтуу эркектердин шакектерин карап келип, - Мына муну көрчү, Чыңгыз, - деп бир шакекти көрсөткөндө Чыңгыз кубанып кетти:

- Дал ошону бериңизчи көрөлү, - Сатуучу алып берген шакекти колуна салып көрүп, экөө күлүп калышты. - Сен тандаган жагынан уста экенсиң.

- Мен баарын көзүм менен билем.

- Эмесе эки шакектин пулун алып коюңуз, - деген Чыңгыз эсептешип коюп, экөө ээрчише сыртка чыгышты.

- Мен сени сүйөм, Чыңгыз, - деп колтуктап келе жаткан Курманжан башын ийинине жөлөп алды.

- Мен дагы, жаным, биз эч качан бөлүнбөйбүз. - Кубанычы койнуна батпаган жигит машинасын зымырата айдап, адегенде Курманжанды үйүнө жеткирип, андан кийин өзү кетти. Айсалкын септи бүтүп калган. Кызуу даярдык көрүп, үч кызы менен тамактанып отурганда бактылуу жүзү албырган Курманжан кирди.

- Салам баарыңа!

- Кел, кызым, мынча бактылуусуң? - Айсалкын дагы кызына кубана карады.

- Мен бактылуумун, апаке, мен бактылуумун! - деп колундагы кийим салган пакеттерди коюп, колундагы шакекти көрсөттү. - Чынгыз салды, апа.

- Кут кылсын, садага, кут кылсын, - Айсалкын кызынын кубанычын тең бөлүшө бооруна кысып, кечээ эле ачуу сөздөр менен тилдегенин эстеп, көзүнө жаш алып турду.

- Куттуктайм, - деп эң улуу эжеси тура калып, эки бетинен өптү. - Бактылуу бол! - Калгандары дагы тегеректеп алып, өздөрүнчө эле мамыр-жумур болуп калганда, Айсалкын кыздарын карап: "Ээ, жараткан, ушунуңа шүгүрчүлүк, ушулар ар дайым ушундай ынтымактуу болушса экен, "ынтымак бар жерде, ырыс бар" дегендей ынтымак бере гөр, кудайым" деп ойлонуп жатты. Эртеси дагы экөө жолукмак, шашылган Курманжан кетип баратып алдына токтой калган машинадан чочуп, артка кетенчиктей берип караса, ырсайып Шамил турат.

- Салам, - деди ал ошонусунан жазбай.

- Салам.

- Кайда шашып?

- Ишиң канча?

- Түшүндүм, демек жолугушууга, түшпөйсүңбү жеткирип койом.

- Кереги жок, андан көрө сөзүңдүн акырына чыгасыңбы же…

- Оо-ох, унутуп калган турбайымбы, какраз ошого келгем, эртең кай жерден жолугалы?

- Жолугалбайм, менин ордумда бирөө отурат, аты Рано, атын сурап туруп таштап кой, мен айтып койом, - деп Курманжан басып кетээрде.

- Шашпа, ашыгың күтсө, күтүп тураар, - деди унаасынын эшигин ачып, талтайып отура.

- Мени менен ишиң болбосун!

- Бар ишим, балам кана?

- Баланы сага жолотпойм!

- Атаң өлгөн дедиң да, ээ? - Шамил келекелей үн катты.

- Өлсө өлгөнүн айтам да, сен аны жарыкка келишин каалаган эмессиң, ошондуктан ал үчүн сен жоксуң.

- Баары бир баламды менден бөлө албайсың.

- Балам дегенге акың жок!

- Оозуңа карап сүйлө.

- Мен эмес өзүң байкап сүйлө.

- Болуптур, - Шамил жоошуй сүйлөдү. - Эртең жолугуп, калган акчаны берем, бирок бир шарт менен.

- Кандай шарт?

- Нурелди ала келесиң.

- Көрөбүз, паркка кел, ошол жерде болом, - деди да, Курманжан басып кетти.

- Эн-неңди, шуркуя, сени эч качан бактылуу кылбайм, керек болсо экөөңдүн тең… - Машинасын айдап жөнөдү.

Курманжан келсе, Чыңгыз бир кучак гүл алып, күтүп турган экен. Экөө учурашкандан кийин Курманжан.

- Чыңгыз, бир сөз айтсам, капаланбайсыңбы? - деди.

- Неге?

- Мен биякка келе жатып, Шамилге жолуктум.

- Эмне дейт?

- Акчаны бермек…

- Аны мен сага тийишпе деп эскертпедим беле? - Чыңгыздын ачуусу келе түштү.

- Кокусунанбы же атайын аңдып жүрөбү билбейм, алдымдан чыга калды, корком андан, Чыңгыз.

- Эч коркпо, анын акесин таанытам.

- Билбейм, капысынан көргөндө жүрөгүм оозума кептеле түштү.

- Анын колунан эч нерсе келбейт, - деп колуктусун кучактап өөп, тынчтандырып жатып: "Акмак, атайын жасап жатат, муну менен башкача сүйлөшпөсөм болбойт" деген ойдо: - Башканы унут. Кана, биз кайда барышыбыз керек эле? - деп шайырлана колтугунан алып, аста басып жөнөдү, - Эч нерсени ойлонбо, андан көрө менин келечектеги кайненем кандай, балдызым менен кайнежелерим жакшы жүрүшөбү?

- Баары жакшы, салам айтышты, көрбөсөк да, саламыбызды кабыл алып койсун дешкен эле.

- Кабыл албаганда, жан дилим менен кабыл алам.

- Рахмат.

- Арзыбайт.

- Чыңгыз, эртең экөөбүз жолукчу жерге кел деп койдум, сен болбосоң корком, андан акчаны деле албай, жолукпай эле койсомбу?

- Эмнеге, андай акмактан албай коюуга болбойт, көпкөндө да арам акчаларга көптү ал.

- Болуптур, эртең келсе, экөөбүз бирге болобуз, ээ?

- Сөзсүз жаныңда болом.

- Жаным менин, сенсиз кантип жашаарымды билбейм, Чыңгыз, сен мени кантип арбап алганыңды байкабай да калдым.

- Сыйкырчымын.

- Ошондой экениңди сезем, - Эркелей карап, көздөрүн күлмүңдөтө Чыңгызга жөлөндү.

- Бүрсүгүнү саат канчада экенин билесиң да, апамдарды эртерээк алып келип, менин ата-энемдер менен тааныштырабыз, андан кийин тойду баштайбыз, - деп Чыңгыз Курманжанга сүйлөп баратты…

Шамил өз үйбүлөсү ордуна келип, көңүлү жайланаары менен эле кайрадан адамдарга көрө албастыгы күчөп, айрыкча, Курманжанды жок кылуунун жолдорун ойлонуп жатты. "Шуркуя десе, мени сызга отургузам деп ойлосо керек, экөөңөрдү тең жайлабасам элеби, берген акча сага буйрубай турган болот" деп рулду ары-бери бурай жинденип алды. Кечинде үйүнө келсе, кайненеси отуруптур, күйөө баласын көрүп, жүзүн буруп кетти, анысын байкамаксан болгон Шамил элпек учурашты.

- Жакшысызбы, апа, тынч, аман жатасыздарбы?

- Жаман эмес… Кудайга шүгүр.

- Зеби, апама эт сал, атайын алып келдим эле, ырас келип калган тура апам, - деп шыпылдап жатты.

- Тамак асып койгом.

- Мейли анда, тиги этти муздаткычка салып кой.

- Макул, - Зеби да апасынан тартынып жаткан. Шамил эшикке чыгып кетээри менен Чубаркан кызын карады.

- Ушул эриңди бир көргүм келсе, кудай бар, шыпылдаган түлкүдөй болуп, түрү жаман, кетирип жибер десе тилимди албадың, эми бир балээге салбаса эле болду.

- Салбайт, апа, аны кетирип жиберип, балдарымды атасыз өстүрөмбү, эри жок бойдок деп бирөөлөрдүн шакабасында каламбы, жаманбы-жакшыбы балдарымдын атасы, өзүм каалап чыккан эрим, апа, андан көрө жакшылап эле сүйлөшүп отурсаң.

- Эк, сүйлөшпөй эле койдум, - Чубаркан терс бурулуп кетти.

- Өзүң бил, апа, эми мен өлүп ажырабасам, Шамилден тирүү ажырабайм.

- Жашай бер, эмне кылайын?

- Ай, апам ай, эмнеге бул кыялыңыз оңолбой койду, башка эне-аталар балдарынын бактысын ойлошот экен, силер ажыраш-ажыраш дейсиңер!

- Койдум-койдум, кызым, жалгыз кызым, жалама тузум деп, сенин көзүңдү карап, айтканың менен болуп, үч агаң андан бетер үйрүлүп түшө калып, кандай гана чоңойтподук, келип-келип бир шумпайга кабылдың…

- Кудай кошту, апа, "кудайдын буйругусуз, кумурсканын буту да сынбайт" деп өзүңүз айтчу элеңиз го? - Зебиниса ыйлап жиберди. - Балдарымдын тагаларынын колунда жалдырап, атасыз чоңоюшун каалабайм!

- Сенин балдарыңды биз жалдыратып койобузбу, ой-то-обо.

- Өзүнүн атасындай болмок беле? - Эне-баланын сөзүн угуп турган Шамил балдарына оп-окшош Нурелди көз алдына элестетти: "Мен жаман адаммын, кайненем туура айтат, мен жаманмын, бир балам тагаларында жалдырап, ата-тегин билбей чоңоюп жатат го" деп үйдү айлана каңырыгы түтөй басып кетти.

- Шамил, кел тамак даяр болду, - деп аңгыча Зебиниса чыга калып, үн салганда кайра келди.

- Баратам, апама бере бер, кирем азыр.

- Бол батыраак.

- Азыр, - деп колун жууп, үйгө кирди. Баягысынан жазбаган Чубаркан дасторконго карады, этти устукандап, улуу жиликти Чубаркандын алдына койду. - Алыңыз, апа.

- Алып жатам.

- Шорподон ичиңиз, апа, - Шамил эптеп жагынуунун амалында апалап жатты. Бирок Чубаркан жазылып сүйлөшпөдү, тым-тырс болуп отуруп тамактанышты. - Балдар уктап жатабы? - Зебинисага карады.

- Алардын карды ток, кечке ойноп чарчап калат да, уктап калышат.

- Мейли, иши кылса этиет бол, жакшылап карабасаң жолго чыгып кетет.

- Ийи, сен багып жүрдүң беле, ыя, окутуп-чокутуп койгон кызым, сага бала бакча болуп отурат, сен өзүңдү өзүң билип, тайраңдап талаада жүрөсүң, - деп Чубаркан атырылып кетти.

- Апа, сизге эмне болду, өзүбүзчө жай сүйлөшкөнгө дагы болбойбу? - Зебиниса апасына нааразы боло карады.

- Апа, мен жөн гана айтып жатам, макул мен үйдө бала багайын, Зеби иштесин. Каршылыгым жок, - деди Шамил.

- Шамил теңелбей эле койчу, - Зебиниса ушинткенде Шамил туруп ички бөлмөгө кирип баратып:

- Апама жаман айтпа, булар бизди багып өстүргөн, кандай айтса жарашат, - деди. Эне-бала унчукпай калды. Таң атпай Шамил чыгып кетти, кайненеси менен дасторкондо бир отура албаганына жини келди. Деги эле үйлөнгөндөн баштап жактырчу эмес, баягыдан кийин ого бетер болбой калышты. Чубаркан кетмек болуп, баласын күтүп жатканда Гүлүм келип калды, сыртта ойноп жүргөн Арген менен Арсен жүгүрүп жетти:

- Чоң эне, чоң энем келди!

- Чоң эно-ов, - дешип кучактап калганда, ал дагы айланып-кагылып:

- Садага болоюндарым десе, чоңойдуңарбы, каралдыларым, - деп ала келген момпосуйларын берип, өпкүлөп жатканда Чубаркан чыга калды.

- Ийи, тим эле багып-тигип койгонсуп, эми күйүп кеттиңби?

- Койчу, апа, - деп чыга калды Зебиниса. - Келиңиз, апа, келип калдыңызбы?

- Тим эле буларды көргөндө, жалпылдап калат экенсиң, сенин башыңды айлантып коюшкан тура, - деп тетирилене сүйлөгөндө Гүлүм анын сөзүн укмаксанга салды.

- Зеби, мен эшикке эле отурайын, балам, бул сөрүгө эле төшөк сал.

- Макул, апа, - Зебиниса шыпылдай төшөгүн алып чыгып, жаздык коюп берип, кайненесине чай коюп жатканда Чубаркан үйдөн чыкпай отуруп алды. Гүлүм да, Зебиниса да унчукпады, эки баласы болсо, чоң энесинин жанында гана ойноп жатат. Бир кезде чыгып келип:

- Ийи, өзүңөрчө өлкө болуп, мени жактырбай, балам экен деп келсе кайдагы бир жуксуздарга кызмат кылып отурасың, башыңды имерип алып, түбү сени жинди кылышат, - деди дагы тийише.

- Болбодубу, апа, сизге эмне деди апам, кудагыйлардай болуп, бир жолу жакшыраак чай ичпедиңер го? - Зебиниса ыйламсырап ийгенде Гүлүм:

- Кой, балам, мен кетейин, мен билбей келип албадымбы, неберелеримди көрөйүн, бир-эки күн жыттап, сагынычымды жазып келейин деп келе калбадымбы?

- От-та-а, дегеле сагынып кеткенин, кыйратып койдуңар беле, андай эле күйүмдүү болсоң, ушуларды багып, Зебини иштетип койбойт белең, ачкадан өлөөрүңөрдө акча деп келгендирсиң да.

- Ай кудагый, ойносоң да ойлоп сүйлө деген, катын карыбайбы, каны суюлбайбы дегендей качан токтолосуң, менин ачкамда аш бердиң беле? - Гүлүм жини келе карады.

- Кой дегенди укпадың го, апа, - деп Зеби ыйлап жатканда Окен келип калды. Аны көрүп, Чубаркан чүйрүңдөй басты.

- Экинчи келбей калайын, эртерээк келбейт белең, аз болгондо тиги Гүлүм жулмалап коймок, ушулардын үйбүлөсүн мен көргүм келбейт, - деп өзүн көздөй келе жаткан уулуна даттанып жатты.

- Апа, акырын, коңшулар угат, Зеби, апам эмне деп жатат?

- Апам сөз укчу беле, эгер минте берсе балдарды таштайм да, үйгө өзүм барып, ошол жерден өлүп берем.

- Кой, биз кеттик, - Окен машинасына апасын салды да, жөнөп кетти. Гүлүм сөз жаңыртпады, неберелери менен сүйлөшүп отура берди.

- Чоң эне.

- Оов, садага?

- Мен тайнемди аябай жаман көрөм.

- Мен дагы, чоң эне.

- Ийи, уулум?

- Тайнем келгенде апам ыйлайт, атамды да уруша берет.

- Ананчы, чоң эне.

- Ийи, дагы эмне?

- Ал атамды шүмшүк, түлкү деди.

- Атаң качан кетти?

- Уктап жатканда.

- Кечинде келди беле?

- Көргөн жокпуз.

- Апа, чай ичиңиз, - Зебиниса жанына келип чай сунду. - Кечирип коюңузчу, апа, ушу сиздерди бириктире албай Шамил экөөбүз кыйналып деле кеттик, апам такыр сөзгө көнбөгөн кежир киши.

- Мейли, балам, мен көңүлүмө албайм, сен менин баламсың, же сенин көңүлүңө тийгидей бир жолу сүйлөдүмбү?

- Жок, апа, сизге ыраазымын, башка бирөө болсо, чачташып жатып калмак. Кээде уялам, атам деле бул кыялын койдура албай койду.

- Апа, таенем келбей эле койсунчу, - деди Арсен эч нерсе оюнда жок эле балалык таза дили менен.

- Эми келсе, тайнемди мен киргизбейм, - деп Арген кошумчалады.

- Кой, балам, антпегиле, ал Зебинин апасы да, апаң капа болуп калат, - деп Гүлүм айтканда Арген кайра:

- Эмнеге апасы болсо, келип уруша берет, сиз урушпайсыз го? - деди.

- Эми өзү деле келбейт, уулум, мен аны келбе дедим, - деп Зебиниса аларды жайгара сүйлөдү.

- Апа, чын эле тайнем сиздин апаңызбы?

- Ооба.

- Апаңыз жаман.

- Ооба, менин апам жаман, ээ. Кел, эми тамагыңарды ичкиле, - деп жылмайды Зебиниса.

- Чоң энем жакшы-ы, урушпайт эч кимди.

- Айланайындарым десе, силерди урушканда эмне. Апаңарды капалантпай тамагыңарды ичкиле, - деди Гүлүм.

- Ооба да, апам ыйласа, мен дагы ыйлайм.

- Мен атам менен апамды ай-аябай жакшы көрөм.

- Мен дагы силерди жакшы көрөм, ээ?

- Ооба да, - деп култуңдаган балдар чулдурашып, тамактарын ичип алып, ойноп кетишти. Гүлүм менен Зебиниса бир топко дейре унчугушпай отуруп, анан бир топтон кийин Гүлүм:

- Балам, сен иштейин дедиң беле? - деди.

- Жок, апа, балдар чоңойгуча үйдө эле болом.

- Кудагый иштесин дегендей кылды го?

- Ал сүйлөй берет.

- Эгер иштейм десең, балдарды өзүм менен бирге эле ала кетем, ушулардын оорчулугу барбы, балам, алдыңарда атыңар бар, көрүп келип турасыңар.

- Менин иштейин деген оюм деле жок, жетишпесе иштейм десем болот эле, апам түшүнбөй эле айта берет, өзү эчтекени ылгабай эле айта берчү болду, көңүлүңүзгө албаңызчы, апа.

- Айланайын десе, өзүңөр билгиле, мен эмнени билем, кокус иштесең каршылыгым жок, атаң деле сагындым деп жатат. Андан көрө үйгө бир барып келсеңер боло, силерди келет деп бир койду кармап отурабыз, мен кабар алып келейин деп келгем.

- Шамил келсе сүйлөшсөңүз, ал макул болсо барабыз, апа, - Зебиниса кайненесине жаркылдай жооп берди.

- Садага болоюндарым десе, силер ынтымактуу болуп турсаңар биз кайда барат элек, неберелеримди ээрчитип алып, беш-алты күн туруп келсеңер, - деп келинине карап, бир нерсе сурамак болуп, бир аз ойлоно түштү да, сактана сурады. - Зеби, айланайын, бир сөз сурайынбы?

- Сурай бериңиз, апа.

- Өткөндө ызы-чуу болдуңар, балам, деги ал кандай неме экен, баласы бары чын бекен, көңүлүңө туура келбесе, айтпай эле кой, балам.

- Апа, жакшы эле келин экен, баласы Арсенден азыраак кичүү болбосо тең эле, аябай окшош экен, мен адеп көргөндө таң калгам, кантип карындашынын баласы окшошуп калсын деп, - Зебиниса андан ары болгонун болгондой айтып берди.

- Ко-оку-уй, укмуш келин экен анда, төрөп алып кала берет го көп эле кыздар, тим эле митаам болсо керек?

- Иши кылса жемин жедирген жок, балаңыз анын апасын да алдап кетиптир, акча болуп эле жатты, берип койсо болмок, - деп унчукпай калды.

- Айланайын, көтөрүмдүү жансың, мен угайын дедим, эми тынч жашап, балдарыңарды тарбиялагыла, - деп Гүлүм унчукпай отуруп ойго батты…

Чыңгыз эртең менен Шамилдин жумушуна телефон чалды, көптө барып анан:

- Ало-о, - деди Шамил.

- Шамил, досторчо эмес кастарча буйрук кылам, эгер жабылуу иш жабылуу бойдон калсын десең Курманжан менен эмес мени менен эсептеш, мен сени азыр өз жумушумдан күтүп жатам, - деп трубканы коюп койду.

- Чорттуку! - деп санын бир чаап алды Шамил, анан сейфти ачып, акча алды да, сыртка чыкты. Көпкө колун чөнтөгүнө салып, эки жакты карап туруп, анан машинасына отуруп, Чыңгыз иштеген ишканага келип токтоду. Анын кабинетине кирди.

- Келээриңди билгем, - деди Чыңгыз аны көрүп эле.

- Курманжан экөөңөр мени сызга отургузам деген оюңар бар го, баары бир жолдо калбайм, бирок тийишпейм деп сөз бер.

- Сөз бериш үчүн мендеги документти алышың керек, бирок ал канча турат билесиңби, бул болсо өзүңдүн карызың.

- Документке канча сурайсың?

- Миллион.

- Оо-ой, кантип табам анча акчаны?

- Ал сенин ишиң, эгерде ишке ашып кетсе башың кетет, же сенин башың миллионго арзыбайбы?!

- Чыңгыз, сен ашыкча кетип баратасың, дос болуп жүрдүк эле, мынчалыкка барба, сөзгө келишели, сураганыңдын үчтөн бирин берем, ишти бүтүрөлү, - Шамил жалдырай суранды.

- Болбойт, макул десең ошол, болбосо акыры бир күнү кармалаарыңды унутпа! - деди Чыңгыз дагы козголбой.

- Дос болуп жүрдүк эле…

- Дос дебе, теңтуш элек, бирок эми биздин жолдор кездешпейт.

- Мейли жарымын берейин.

- Бая эл ошондой дебейсиңби, сүйлөштүк анда, эртең эмес бүрсүгүнү, мен сени Ысык-Атага барчу ээн жолдон күтөм, дал ушул маалда.

- Болду, эркектик сөзүң болсун.

- Эркектик сөзүм, - деп ордуларынан тура калып кол алышты да, Шамил чыгып кетти. Чыңгыз шашылыш ордунан турду. Жолугушууга бара турган саат жакындап калган. Акчаны өзүнүн асынма сумкесине салып, кабинетинен чыкты…

Шамилдин ичи ачышып: "Эн-неңдурайындыкы, ал аны кайдан тапты, колума кагаз тийсе өрттөп салып, ага кошуп шуркуя экөөңдү тең күйгүзбөсөм элеби" деп кекенип кетип баратты.

Курманжан Шамилден коркуп жаткан. Чыңгыз менен жолугушууга шашкан менен Шамилдин ошол жерге келээрин ойлогондо жүрөгү болк этип, "Нурелди ала кел" дегенин эстеп жүрөкзаада болуп келатты. Чыңгыз ашыга күтүп, тутам гүлдү кармай жол карап турган, паркка карай агылган элдин ичинен Курманжандын караанын көргөндө утурлай тосуп алды.

- Кандай, жаным? - деп өбүшө кучакташып калды.

- Жакшы, өзүң кандай?

- Баары жайында, жүрү отургучка, - Колдон ала жүгүрдү.

- Шашпасаң, Чыңгыз.

- Эмне болду?

- Шамил келип калсачы, ал Нурелди ала кел деген…

- Ал келбейт.

- Кантип?

- Ушинтип эле, жүрү отуралы, анан сага бир нерсе көрсөтөм.

Колунан жетелеп барып, отургучка отураары менен кучакташып отуруп, өбүшүп жатты. Курманжан тымызын эки жагын карап, тынчсыздана берди.

- Эмне, бирөөнү күтүп жатасыңбы? - деди Чыңгыз күлүп.

- Жо-ок.

- Эки жакты каранып жатасың го?

- Жөн эле, элди көрүп…

- Бир нерсе көрсөтөйүнбү?

- Эмне экен?

- Бир нерсе.

- Көрсөтчү.

- Азыр, - Чыңгыз асынма сумкасын алды да, сыдырмасын ачып, - Карачы, көрөсүңбү? - деди.

- Оо-ой, - Курманжан колу менен оозун басып калды.

- Эми Шамилдин келбесине ишендиңби?

- Ооба, жакшы болбодубу, эгер баланы алып келсем, тартып алабы деп алып келген эмесмин.

- Андай кылууга башы экөө эмес да.

- Иши кылса корктум.

- Коркпо, жаным, сен менин колуктумсуң, Курманжан датка энебиздей болгон эрктүүсүң, ошол шыр мурундан коркуп эмне, - деп колтугуна ыктаган кызды кысып-кысып койду. - Анын ичи бышып жатат, бул акчага өрттөнүп кетет го байкуш, - Чыңгыз каткырып койду.

- Өлүп кетпейби.

- Ал деген адамгерчилиги жок акмак, өзү кудайга ишенбейт, катынынын алдында мышык болуп калат дейт.

- Чын элеби?

- Иштешкендери айткан.

- Аа-а, - деп койду Курманжан жигиттин колтугунан чыккысы келбей. - Чыңгы-ыз.

- Оов, жаным.

- Тоюбузга көп адам келеби?

- Элүүдөй бар го?

- Көп экен.

- Сен төркүндөрүңө канча кишиге бердиң?

- Аз эле, алтоо-жетөө го?

- Эмнеге?

- Туугандарыбыз атам өлгөндөн кийин каттабай деле калды.

- Макул, сен жанымда болсоң болду, анан кайненем менен кайнежелерим, балдызым келсе болду, - Сүйлөшүп сөзгө тойбоду, өбүшүп кумардан чыкпады, бири-бирин кучактап көпкө отурушуп, кафеге кирип тамактанышты. Анан кемчиликтерин даярдамак болуп, Чыңгыз такси кармады.

- Куку, - Чыңгыз аны атайын эркелете айтты. - Куку, мен сени жеткирип коюп, анан кем-керчиликти бүтүрөйүн, эртең кечикпей келип калгыла.

- Макул, мен дагы даярданайын, жөн эле кой өзүм кете берем.

- Жо-ок, колукту эми троллейбус менен жүргөндө болбойт, - деп Чыңгыз күлө карап, таксистке кайрылды: - Ак-Өргөөгө. Чынгыз кайра кайтып, өз иштерин бүтүрдү. Ата-энеси менен бир туугандарын чогултту. Тойду өткөрүүнүн камы бүтүп, эс алууга жатып калышты.

Той болуп өттү, Чыңгыз менен Курманжанды шаардын четиндеги айылдын бирине алып барышты, бир тууган эки эжеси, сиңдиси болуп чогуу келишкен, себин да өзү менен бирге жөнөттү Айсалкын. Тойго катышып, андан кийин кала берген. Жанында Нурел бар. Экөө жетелешип алып, базардагы ордуна келди. Көптөн бери чыкпай калганга Умсунайга жолугуп кетмек болду. Ал ордунда экен:

- Умсунай, кандайсың? - деп жылуу учураша кетти эки жалгыз бой аял.

- Жакшы-жакшы, силерге эмне болду, чыкпай калдыңарбы?

- Баары жайында, дос, Курманжанды күйөөгө узаттым.

- Жакшы болгон тура, бактылуу болсун, келип жүрчү жигитин көргөмүн, ошого чыктыбы?

- Ооба, эми бак айтсынчы ушуларга, жалгыз бойчулуктун азабын тартып, төрт кызды, андан кийин муну багып келе жатам, балдар тынып, тынчыганда эле эс албасак.

- Ооба-ооба десең, бу кең дүйнөдө экөөбүздөй жалгыз бой аялдар аз дейсиңби, ошентсе да татыктуу жашоо бере алсак, жеңишибиз ошол.

- Менин төрт кызым, бир неберем бар, эрге тие албайм, сенин эки эле балаң бар го, бирөөнү таап тийип кет да, - Айсалкын күлүп калды.

- Чыгабы, кадырга жетээр сөз билги чыкса го?

- Эми айтып жатам да, андан көрө товарыңды жый, сага Кукумдун тоюнан ооз тийгизейин.

- Мейличи, өлүп кетсинчи көр дүйнө, - Умсунай да шар кетип, заматта товарын жыйып, туруп кулпулай салды да, экөө ээрчише базардын четиндеги ээн, салкын кафеге кирип отурушту. Айсалкын чечилип алган, анда-мында тигинден алып койчу, тойдон бир аз ичкенге ала-гүү эле. Шишкебектен, боор куурдактан буйрутма берди да:

- Ошондой, курбум, Кукум жакшы жерге туш болду, тойду болсо укмуш берди, мен куданын үйүнө барбай кала бердим, себи менен бирге эже-сиңдилери, бир жеңеси кетти, - деп жетине албай сүйлөп жатты.

- Болсун-болсун, Куку өзү жакшы кыз, мага да шыбырап айткан, ушул күйөө балаңыз болот деп, ананайын десе бактылуу болсун, - Аңгыча алдыларына койкойгон кыргыз коньягы менен шишкебектер келди, суусундуктарды стакандарга куюп, андан кийин коньяктан куйду да:

- Кел, Умсунай, Курманжаныма бир жакшы каалоо айтып кой, сен деле энесиндей болуп калдың, - дегенде Умсунай чочуп кетти.

- Мен таптакыр ичкен эмесмин да, каалоомду мындай эле айтайынчы.

- Ошол кантип болсун?

- Ырас айтам, Айсалкын, ушул заманда төрөлүп, өскөнүм менен оозума албаптырмын.

- Кызың күйөөгө чыкканда да ичкен жоксуңбу?

- Жо-ок.

- Койсоңчу, анда Марсел аял алганда өзүм кошо барып, сени ичирбесем элеби, мынча болбосоңчу, табигаттын таза суусун кимдер гана ичпейт, а бул сууну ичкен да, ичпеген да арманда, - деп Айсалкын болбой алдырып койду. Ачуурканып, оозун баскан Умсунай: "Кыйгыл эле суу экен, чайга окшош, коньяк эмес бозо ичпеген жаным, ушуга мас болбос бекенмин" деп ойлонуп алды. Экөө көпкө отурушту, ичип көрбөгөн Умсунай кызып калды. Кечке маал кафеден чыгып, өз жолдоруна түшүштү. Умсунай айласыз эптеп таксиге отурду, эси-дарты керээлден кечке соодадан түшкөн акчасында. Үйүнө келсе, уулу бар экен, сүзүлө зорго келген апасын көрүп, аябай таң калды да, киргизип, диванга жаткырып койду. Бул Умсунай менен Жамалбек жолугушкандан бир жыл мурун болуп өткөн окуя эле…

Чыңгыз кайнежелерин, балдызын абдан сыйлады, улуу эжеси Айдайдын күйөөсү Марат менен таанышып, чечекейи чеч боло бактылуу болуп конокторун узатышты. Ата-энесине дагы Курманжан жакты. Эки күндөн кийин жумушуна карап, шаардагы бир бөлмө үйүнө келишти. Иштешкендери келип, той үч-төрт күнгө узарды. Болжошкон күнү Шамил аны күтүп-күтүп тажаганда, жумуш ордуна келип, анын үйлөнгөнүн укту. Чыңгыздын бир тууган агасы ага убактылуу минип турганга Мерсин берген. Курманжанды ойноткусу келип, жанына салып алды да, шаардын четине жөнөгөн. Светофордо токтоп турганда Шамил аларды көрүп калды. Аларга байкатпай артынан келип, ээн жерден бурулганда, бир топ алыс бурулду да, жай жүрүп отурду.

- Оой, тиги Шамилдин машинасы го? - деди Чыңгыз көрүп эле.

- Эмне, ал биякка эмне келе жатты экен? - Курманжан коркуп кетти.

- Куттуктаганы келе жаткандыр…

- Куттуктаганы-ы…

- Ооба, андан эмне коркосуң, мен турганда?

- Эмнеге эле биздин артыбыздан түшүп калды?

- Коркпо, жакындаса өзүм сүйлөшөм, - деп ылдамдыкты жайлатып, улам күзгүдөн артын карап келе берди. Шамил эми ылдам айдап келе жатты, алар кыяга келип калган, алды жагы суу болчу. Чыңгыз токтоп, аны менен сүйлөшмөкчү болуп турганда катуу келип машинаны сүздү, жолдон чыга түштү.

- Чыңгыз, тигил эмне кылып жатат, экөөбүздү өлтүргөнү жатат.

- Коркпо, азыр түшө качабыз? - дегиче катуу сүздү эле, машина ылдый көздөй учуп кетти. Шамилдин машинасынын маңдайы бырыйган бойдон ызылдата айдап жөнөдү. "Энең-дурайындар, өлбөгөндө эмнеңер калды, мага тийиштиңер эле, сөөгүңөр сөпөт болсун" деп катуу айдап, шаарга кирип, дароо эле СТОго машинасын оңдотту да, сыры кеткен жерлерине үйүнө келип, краска сүйкөй салды.

Жыйырма метрдей бийик жерден түшкөн машинаны, сууда киринип жүргөндөр көрүп, дароо жетип барышты, эптеп чыгарып алып, ооруканага жеткиришти. Чыңгыз бир аз жакшы, Курманжан эс-учун билбей келди. Ошентип алар ооруканада жатып калышты. Айсалкын ыйлап-сыктап кызынын жанында. Жаракаты өтө оор, врачтар адам болушу-болбошу күмөн дешти эле, көз жаштарын көлдөтүп, кыздары менен Айсалкын үч-төрт күн мурунку жадыраган Курманжанды көз алдыларынан кетирбей боздоп жатышты. Чыңгыз үч күндөн кийин эсине келди да, болгонду жазып берди. Ошол эле күнү Шамилди камап коюшту. Он күндөн кийин Курманжан бир аз кыймылга келди. Бирок дале эч нерсени билбейт, Чыңгыз улам палатасынан чыгып келип, анын жанында болуп, кайра кетет. Бир айда Чыңгыз кадимкисиндей болуп, сыртка чыкты, Курманжан көзүн ачып калды. Ошентип азап менен тозоктун ичинен чыккан келин, үч ай дегенде, бир аз өйдө болуп басып калды. Врачтар аны эс алсын деп ооруканадан чыгарып койгондо Чыңгыз алып кетти. Сүйлөй албай эптеп жаңсаса да, жакшылыктан үмүт үзбөй багып жатты. Эки күндүн биринде Айсалкын кыздары менен келип кир-когун жууп, тамак-ашын жасап, каралашып жатты. Бир жылда зорго өзүнө келип калды, сүйлөгөнү, баскан-турганы оңолуп баратат. Шамилди далилдердин негизинде он эки жылга кесип жиберди. Ресторанын өз ээсине алып беришти. Бир аз жакшы болуп калганда.

- Чыңгыз, мен үчүн кыйналдың го, ээ? - деди Курманжан.

- Жо-ок, жаным, бизди кудай күнөөсүздүгүбүз үчүн кайтарды, сенин ушунча болуп калганыңа кубанып турам, - деп жүзүнөн өөп алды.

- Чыңгыз.

- Ийи.

- Мен Нурелдин кандай адам болоорунан корком.

- Ал бала да.

- Атасынын каны бар, ошондой адам болуп калсачы?

- Баары бир энесиң, жаным, апам кандай кылып багып жатат, балким тарбия жакшы болсо, канын тартмак беле?

- Билбейм, коркуп кетем.

- Корпочу, жаным, бир өлүмдөн кайттык.

- Ооба, ушуга шүгүр, ээ?

- Ананчы.

- Чыңгыз, менин боюмда бар окшойт?

- Кантип билдиң?

- Ичим кыймылдап калды.

- Оозуңа май, биз балалуу болобузбу?

- Буйруса…

- Алтыным десе, биз бактылуубуз, бул үчүн бир нерсе кылбасак болбойт го? - Чыңгыз Курманжанды кучактап, өпкүлөп жатты. Кечээги өмүрдөн үмүт үзүп, жашоолорунан түңүлгөн эки жаш бүгүн бактылары тоодой болуп, кубанып отурушту. Курманжан баштагысындай болбой, саал оорулуу болуп калган. Ашыкча сүйлөбөйт, өзү менен өзү болуп, Чынгыз жумуштан келгенче үйүн жыйып, тамагын жасап отура берет, мурункудай эркелеген шайыр мүнөзү жок, кээде жалдырап карап тура берет. Врачтарга көргөзүп, Чыңгыз өзү сүйлөштү эле, "акырындык менен өзүнө келет, дагы ушунча болуп калды, биз түңүлүп калганбыз" деп кайра оозун ачырышты. Айсалкын келип-кеткен сайын жүрөгү сыздап кайтат. Убакыттын өтүшү менен жакшы болуп, айы күнү жетип, уул төрөп алды. Абалы начар болуп, баласын карай албай Айсалкын карап жатты. Чыңгыз уулдуу болгонго кубанганы менен аялын көргөн сайын Шамилди жектеп, колуна тийсе, жыга чапкысы келип, зээни кейип жүрдү. Тез-тез врачка көрсөтүп, керектүү укол-дарыларын алдырып жатып, аздап оңолуп баратты. Уулунун атын Бактыбек коюшту. Ата-энеси келип, жээнтек той берип, дуулдап жатты.

- Уулумдун жаны бек болсун, элине, жерине күйгөн, ата-энесине кайрымдуу кыргыздын кайраттуу жигиттеринен болсун, - деп атасы Кулубек бакылдап жатты. Чыңгыз атасынын сөздөрүн угуп, Курманжанды карап жылмайып койот.

- Айтканыңдай эле неберебиз элдин уулу болсун, өмүрү узун, өрүшү жайык бактылуу адам болсун! - деди Чыңгыздын апасы Айнек.

- Келгиле эми, куда-кудагыйлар, ушу наристе үчүн, наристени көзүбүзгө көрсөтүп кубаныч тартуулаган ата-энеси үчүн алып койолу! - деди Кулубектин иниси Шадыбек бакылдай. - Чыңгыз менен Курманжан көрө албастардын айынан ары барып, бери келди, ушул наристе эмес уул-келинибизден үмүт үзүп калбадык беле?

- Туура, айланайын, кудайдын көзү түз экен, көрөөр күнү, ичээр суулары бар экен, аман-эсен калып, минтип наристелүү болуп отурушат, - дешип күүлдөп жатышты.

- Айланайындар, мен силерге бир нерсени айткым келет, тирүүлүктө адамзат улуу, адамзат кадырлап, сыйлап, туу тутуп келген Сүйүү - улуу! Менимче келиним менен инимди ошол бири-бирине болгон улуу сүйүү сактап калды!

- Ооба-ооба, айланайындар, - деди сөзгө аралашып Айсалкын. - Балдарымдын бактысы тоодой болду, кудай жар болуп арабызда отурганы биз үчүн табылгыс бакыт эмеспи, силерге да рахмат, куда-кудагыйлар, кыйын күндө жаныбызда болуп, саат санап, амандыгын тилеп турдуңар, ушул наристе эне-атасына, силерге, бизге кубаныч болуп, өмүрү узун, ырыскысы мол жигит болсун!

- Кана эмесе, мындай күндө ичпегенде качан ичебиз, биз ушулардын жакшылыктарын гана күбө болуп жүрөлү, алып койгула!

- Эмесе эки жаштын да көкүрөгүн толкуткан кубаныч, жүрөгүн ысыткан мээрим, ичтерине батпай турат, балдарга сөз берели, - деди Шадыбектин аялы Ырыскүл.

- Туура, сүйлөсүн айланайындар.

- Мен эмне демекмин, - деп сөз баштады Чыңгыз. - Эң биринчиден сиздерге жалпы ыраазылык билдиремин! Жамандык деген каш кабактын ортосунда экен, кокус болуп кетсек, эки жыл мурун биздин бейитибизди кучактап калышыңар мүмкүн эле. Бирок кудайга бир айтканыбыз бар экен, миң мертебе жаратканга ыраазылык билдирем, сиздердин тилегиңиздер, көз жашыңар бизди оо дүйнөдөн кайтарды. Ушул бүгүнкү күнү сиздердин денсоолугуңуздарды каалап, уулубузга айтып жаткан жакшы сөзүңөр менен батаңар тийсин, сиздерге чо-оң рахмат!

- Айланайын, туура айтат, мындан ары кырсыктан алыс болгула, - дешип баталарын берип, кайтканы кайтып, калганы калышты. Курманжан кыйла жакшы болуп калган. Кирип-чыгып уулунун жалаягын жууп, үй тиричилигин өзү жасайт. Таалай кээде келип жардам берет, бирок окуусунан бошобой көп келе албайт.

- Уулум кандай, басып кетейин деп жатабы? - деп Чыңгыз жумуштан келип эле, оороодогу наристени көтөрүп алат.

- Сен жокто Бишкекти кыдырып келип, эс алып жатат, - деп күлүмсүрөдү Курманжан.

- Балаң экөөңөр базар кыдырып келген экенсиңер, ээ? - Чыңгыз келинчегин өөп, кучагына кыса, - Куку, карасаң кимибизге окшош? - деди наристесине үңүлө.

- Мага окшош да, сага окшобойт эч жери.

- Жо-ок, мага окшош, чоңойгондо көрөсүң го, мага эле окшош болот.

- Жо-ок, мага.

- Жок-жок, мага! - дешип талашып жатканда, наристе тырышып-бырышып ыйлай баштады эле, - Оой, карачы, сексендеги чалга окшоп калды, ал балаңды, - деп Курманжанга кармата салды.

- Эмне, эмне дейсиң, каери чалга окшош? - Курманжан баланы үңүлө карап туруп калды.

- Ха-ха-ха, ишендиңби ошого? - Чыңгыз аялынын өңү өзгөрүлүп, ишенип калганын көрүп, чочуп кетти. - Тамаша, уулум экөөбүзгө тең окшош болот, көздөрү сага, мурду мага, кашы сага, оозу мага, көрдүңбү мына.

- Коркуп кеткенимчи, - деп күлүп ийди Курманжан.

- Алтындары го, эркелери го, - деген Чыңгыз уулуна кошуп, аялын кучактап алып, үй ичинде рахаттана бийлеп жатты.

- Кой, баланы жаткыралы, көтөргөнгө көнүп алса, мага жумуш жасатпай ыйлайт, тамак даяр, кийимиңди алмаштыр да, тамагыңды ич, - деп Курманжан уулун өз ордуна көтөрүп кетти. Чыңгыз кийимин алмаштырып, жуунуп келип, столго отурду. Алдына койгон тамагын ичип көңүлү жайлана улам келинчегин карап: "Дайым эле ушинтип жүрө берсе экен" деп ичинен улутунуп алды…

Умсунай ооруканадан чыгып келгенде Айсалкын Жамалбек менен келип калды. Ошол күнү Сейил менен Азат да бар эле.

- Умсунай акыбалдарың кандай? - Айсалкын Умсунай менен учурашты.

- Жакшы, өзүңөр кандай жатасыңар, Курманжан жакшы болуп калдыбы, Нурел чоңоюп жатабы?

- Баары жакшы, курбум, Кукум жакшы болуп, уул төрөп алды, Нурел жүрөт.

- Жакшы жатсаңар эле болду, - деп Умсунай кызына карады. Ал өзү билип, тамагын жасап, коноктоп жатты. Азат машиналуу болуп, өзүнчө эле учуп жүрөт, Сейилди жанына салып алып, досторуна барат. Сүйлөшүп отурганда Жамалбек:

- Айсалкын, эми жеңеңди үйгө алып кетели, - деди.

- Макул, байке, баарына айтып койдуңуз беле?

- Айтылган, эртең тосуп алгыла.

- Болуптур, деги тойлор эле көбөйүп турсунчу, жамандыктан сырткары бололу, мен анда барайын, байке. Умсунай эми сени жеңе дейм, эртеңкиге чейин, - деп тамашалаша үйдөн чыкты.

- Апа, биз дагы кетели, атамдар тез келгиле деди эле, - Сейил Умсунайды карады.

- Мейли, каралдым, бара койгула, - деп баш ийкеп койду ал.

- Умсун, өзүңдү жакшы эле сезип калдыңбы? - Жамалбек баары кеткенден кийин жанына отуруп сурады.

- Жакшы элемин, кудайга шүгүр, сен жанымда болсоң эле менин жаным жай алып калчу болду, - Экөө сүйлөшүп жатканда эшик тыкылдады. Жамалбек тура калып эшикти ачса, чоочун жигит туруптур.

- Ассалоом Алейкум! - деди ал дароо эле.

- Аллеки Салам, кел, жигит.

- Байке, мен кечээ Россиядан келдим эле, Марсел кат берип ийген, ошону алып келдим.

- Аа-а, андай болсо үйгө кир, - деп Жамалбек аны ичкери киргизди, Умсунай менен учурашты да:

- Бул катты Марсел берип ийди эле, этегинде телефон номери да бар, бир аз тыйын берип ийди, - деп чөнтөгүнөн беш миң рубль алып сунду.

- Рахмат, айланайын, кудай жалгасын, уулум кандай жүрөт, садага, чогуу иштейсиңерби?

- Жакшы эле, мени менен иштейт, мен кайра кетем, ага чейин сиздерге дагы бир жолугам го, өзү жакшы эле жүрөт.

- Кудай кубат берсин, жараткан жар болсун, - деген Умсунай жигитке тамак берип, анан узатты.

- Мына уулубуздан дагы көңүл жайланды, эми бизге эмне керек? - деп Жамалбек күлмүңдөй жанына отурду. - Кана, катты окуйлучу. Конвертти ачып, бүктөм кагазды ачып, окуп кирди Умсунай. "Саламатсызбы, апа, менин апакебайым, денсоолугуңуз жакшыбы? Сейил менен Азаттар жүрүшөбү? Апа, мени кечир, сизди жападан жалгыз таштап кеткениме. Сизди тартып, мен дагы жумшакмын, ак көңүл, боорукермин. Ошол боорукер, ишенчээктигимден улам мен жаңылып калдым, анын кыз туруп калп айтканы менин жан дүйнөмдү оорутту. Бирок эми ойлосом туура кылыптырмын, жакшы жумушка кирип алдым, поездде келе жатып эле бир таанышыма жолугуп калып, иштеп калдым. Апа, ишим жакшы, өзүм дагы жакшымын, баары ойдогудай. Менден кам санабаңыз, денсоолугуңузду караңыз. Эки-үч жыл иштеп, анан барам. Эгер жалгыз кыйналсаңыз… Өзүңүз билиңиз. Мен сизге ыраазымын, ушунчалык эрезеге жеткирип, мээримиңизди аябай өстүрдүңүз. Уулуң Марсел. Кош. Көрүшкөнчө, апа! Сейил менен Азатка менден салам айтыңыз" деген сөздөрү Умсунайдын көз жашын куюлтту.

- Каралдым, көзүмдүн кареги, аман жүрсөң болду…

- Ошого дагы ыйлайт бекен, мына амандыгын билдиң, тыйын да салып ийиптир, өтө эле жашык экенсиң, асылым аа-ай, - деп кучагына кысып көпкө отурду.

- Кантип ыйлабайм, жаманымдын жакшы кабарын угуп отурсам, - деп жашка толгон көздөрүн күлүңдөтө Жамалбекти карады.

- Андан көрө эртеңкиге даярданалы, эркем, бизди бүгүндөн тартып күтүп жатышат, - деди ал.

- Даяр элемин.

- Ыраспы?

- Ырас айтам.

- Чачты жасабайлыбы?

- Койсоңчу, эзели оңдоп-түзөбөгөн чачты, жоолугумду эле салынып алам.

- Тамаша, алтымышка чыкканда, аялымды жаңыча алайын деп жатпайынбы? - Экөө тең күлүп калышты.

- Анда чачты кестирейин.

- Ооба, кырктырып жасаталы.

- Анда мени уул-кызым тааныбай калат го?

- Чынын айтсам, ошентсең жакшы болмок, али жапжашсың да, сендейлер кандай кычырап жүрөт?

- Кой тамашаңды, Жаке, мени карапайым боюнча эле сүй, кадырла. Кандай көрсөң, ошондой эле болгонум жакшы эмеспи. Экөө ары кетип, бери кетип жатып, түндү, күндү өткөрүштү.

Эртеси экөө тең такси жалдап алып, Умсунайдын колунда кучак гүл менен өз үйүнө түшүштү. Тосуп тургандар дүргүп, таксини тегеректеп, Жамалбек менен Умсунай түшкөндө ырымы кылып, аларга суу айлантып чачып, улуу агасынын аялы:

- Ылайым алдыңарда жакшылыктар тосуп турсун!

- Бактылуу болгула.

- Бири-бириңди сыйлагыла! - деп чурулдай бири Умсунайды колтуктап, үйгө киргизип келе жатканда алды жагынан чачыла чачышты.

- Түбөлүк бирге болуп, узак өмүр сүргүлө, - деген аял аны төркү залга киргизди. - Отурган ордуңдан жакшылык тап, айланайын, - деп күпүлдөшүп, жайылган дасторкондун эң төрүнө отурган Умсунайга ар кимиси жоолуктарын салып болгондон кийин жабыла отурушту. Ар түрдүү ичимдиктер, өрүк-мейиз, кант-набат, жүзүм-алма көз жоосун алат. Союлган койдун эти бышып, колго суу куюлду, улуулата эт тартылды, стакандарга мелт-калт толгон шириндиктер, рюмкаларга куюлган арактар. Умсунай өзүнчө толкунданып, жүзү албырып чыкты.

- Эми, Жаке, - деди туугандарынын бири Майсалбек. - Бул жашоодо болбогон нерсе болот экен, эми ушул жеңем экөөңөргө жакшылык, узун өмүр, бейкут жашоону каалайбыз, ылайым кол кармашып, түбөлүк бирге өмүр сүргүлө, ушул тостту силердин денсоолугуңар, бирге түтүн булатканыңар үчүн, байсалдуу ак жол каалап алып ийели! - деп рюмканы көтөрдү.

- Экөөнүн бактысы үчүн.

- Жакем менен Умсунай жеңеме ак жол! - дешип сүйлөп, алып ийишти. Бул тойго Айсалкын дагы Курманжан менен Чыңгызды ээрчитип келип калган. Алар Умсунайга бир сыйра кийит, торт көтөрүп келип, жакшы сөздөрүн айтып жатышты. Умсунайдын жанына отуруп алып Айсалкын тамашалай шыбырады:

- Жеңе, ушундай сулуу экениңди он жылдан бери байкабаптырмын, ажарыңа чыгып калыпсың да?

- Койсоңчу тамашаңды, кайдагы сулуулук дейсиң, эгер ошондой болгону ырас болсо, байкеңе рахмат.

- Ырас айтам, ажарыңа чыгып, тим эле жыйырма жашка жашарып калыпсың.

- Ай, Айсалкын, андай болсо, көп узабай сен да күйөөгө тий, сулуу болуп каласың, - деп Умсунай айтканда Айсалкын аны чымчый:

- Кой, кокуй, төрт кызды кантем? - деп кыткылыктап күлүп жатты. Той күнү өтүп, Жамалбектин жакшы санаалаштары келишти, алар менен дагы үч-төрт күнгө уланды. Айсалкын Умсунайга келип-кетип турду. Арадан бир ай өткөндө кудагый-кудасы менен кыз-күйөөсү келди. Аларды коноктоп, сыйлап, кийит кийгизип жөнөттү. Сейил менен Азат эки-үч күн жүрүп, анан кетти. Көңүлү жайланган Умсунай уулунан келген катты сагынганда окуп алып, эс ала түшөт. Ошондо гана: "Эгер кыйналсаңыз… Өзүңүз билиңиз" дегенин кайталап, уулунун оюна түшүндү. Бир күнү Умсунай эртең менен көңүлү айнып, кускусу келип, тура албай калды. Врачка көрсөтүп келейин десе болбой койду, анан Жамалбек Умсунай экөө машина базарга барып, тандап жүрүп: "Жип" авто унаасын алып, айдатып келишти. Эки-үч күндө документин бүтүрдү да, токтотуп койду. Умсунай боюна болуп калганын сезип, эптеп алдырып коймок болду эле, үлгүрө албай калды. Анткени анализ тапшырып бүтүп, абортко бараар күнү Жамалбек үйдөн чыкпай койду. Улам кусуп жатканда:

- Умсун, сага эмне болду, ооруп калган жоксуңбу? - деди ал үрпөңдөй карап.

- Жо-ок, ашказаныма суук тийип калса керек.

- Врачка көрүнбөйсүңбү?

- Кой, ысык ичсем, жакшы болуп калат, - деп койду, андан кийин жанынан карыш чыкпады, акыры боюнда бар экенин билгенде Жамалбектин кубанычында чек жок болду, ортолору он эки жаш. Бири-бирин сыйлап, бири-бирине ыктап, жашап жатышты. Аңгыча Азаттын ата-энеси конокко чакырып, экөө барып келишти. Бат эле билинбей тогуз ай өтүп, Умсунай кыз төрөдү. Жамалбек кубанганынан ыйлап ийди.

- Умсунай, туягы жокко туяк таап бердиң, уламасы жокко уладың, өмүр бою алдыңда карыздар болоюн.

- Жаке, токтоо болчу, аялдын алдында антип кадырыңды түшүрбө, кызды берген кудай, уулду да берет, анда кантесиң? - деп Умсунай жылмайып, эринин ийнине башын жөлөп, бактылуу болуп турду.

Кызынын төрөлгөнүнө үч ай болуп, күлүшүп калганда, капысынан Марсел келип, үйүнөн таппай калды. Сейилге барып, болгонду укканда башын жерге салып, көпкө отурду.

- Апамды көрбөсөм болбойт, мейли жакшы болуптур, мени алып баргыла, - деди акыры.

- Мейли, байке, чогуу баралы, - деп Азат машинасын от алдырды да, Жамалбектин үйүнө жөнөштү.

Умсунай уулунан бир аз кысынды, бирок акыры тагдырына көнгөнүн көздөрү менен билгизди. Бактылуу үйбүлө, бир кездеги жалгыз бой аял өз бактысына жетип, уул-кызынын көңүлүн таап, күйөөнү кадырлаган эне бойдон жашап калды…

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз