Айгүл ШАРШЕН


"Сыр катылган жалгыз там"


Бул айылдын четиндеги өзгөчөлөнө салынган там жападан жалгыз эч ким кирбеген бойдон тураар эле. Ошол кездеги айылдагы үйлөрдөн башкача салынганы көрүнүп турчу, бирок дубалдары урап бузула баштагандан кийин да сыны кетпеген. Айылдын балдары ал жакка ойногону жөнөгөндө кары кишилер:

- Ал үйгө жакындоочу болбогула, ал үйдүн ээси бар, ыйык үй, - дешчү.

- Эмне үчүн ээси бар, эмне үчүн көрүнбөйт? - деп делдейе сураган балдарга:

- Ал көрүнбөгөн ээ, үйдү кайтарат, барган балдарды кармап алат, - дешип жакшылап түшүндүрө алышчу эмес. Гүлдөр бир күнү таенесинин жанына отуруп алып:

- Таене, тигил үйдүн ээси эмне үчүн кишиге көрүнбөйт, аны сен көрдүң беле? - деди кызыккандай.

- Секелегим десе, анын эмнесине кызыгып калдың, ал үйдүн ээси деле жок, болгону ал үйдө жакшы адамдар жашаган, бала-чакасы калбады, тукум курут болуп кемпир жалгыз жашап өттү, ошон үчүн эле ал үйгө эч ким барбайт.

- Балдары эмне болду эле? - Ого бетер кызыга сурады секелеги.

- Балким анын балдарынын тукум курут болгонуна чоң аталарынын алтынынын зыяны тийгендир… - таенеси ойлуу телмирди, - жакшы жашашкан экен.

- Айтып берчи таене, мен билгим келип атат?

- Макул секелегим, сербейген чачыңдан садагасы, дегеле кызыгып калдың, айтса айтып берейин. Мындан отуз-кырк жылдар мурун, согуштун алдында болгон экен… 1918-жылдар.. .


Жандардын ата-бабасынан бери бийликчи жүрүп, эл башкарып, болуш-бий болуп келишкен экен. Куту бий өлөөрүн алдын ала билип оорубай этпей туруп эле эки уулун чакыртып алып сөз баштады:

- Балдарым, менин сапарым карып баратат, үч күндөн кийин мен биротоло араңардан кетем, ызаат-сыйымды жасап, атамдын жанына койгула, - деди эле эки баласы тең ишенбей күлүп сурашты:

- Койсоңчу ата тамашаңды, кантип эле, жакшынакай туруп жаман сөздү айтпачы, - деди улуу уулу Койчубек.

- Азыр сиз күүлүү элесиз, андай сөз сизге жарашпайт, андан көрө көп жашап биздин сыйыбызды көрүп доор сүрөөр кезиңиз, - Жандар да ишенбеди.

- Жо-ок балдарым, мага ишарат берилди, атам да өзүнүн өлөөрүн билген, биздин урук ушундай балам, андан көрө мени жакшылап уккула, - дегенде эки уулу тең бир-бирин карап кулак төшөгөндөн башка сөз айтышпады.

- Мен өлгөндөн кийин байлык талашып элге уят болбогула! Малды тең экиге бөлгүлө, Жандар менин ордумду ээлейт, - деди ойлуу, башын эңкейте эки уулун өзүнө жакындата шыбырады, - катылган казынаны өзүм бөлүп берем, алтындын арты өкүнүч, өлүм менен бүтөт. Эч ким билбеши керек, балдарыңарга да кийин айткыла, - деди да: - Бара бергиле, арманым жок, айтчуумду айттым, эми апаңар менен коштошуп алайын, - деп отурган жерине кыңкайды.

Айткандай эле үчүнчү күнү таң эрте Куту бийдин үйүнөн өкүрүк чыкты. Ызаат-сый жасап атасынын жанына койгондон кийин дүйнө-мүлкүн экиге бөлүп, Жандар бий болду. Ал өтө залим адам эле. Жинине тийгенди өлтүрө жаздап сабачу. Жылдар өтүп эки аялынан балалуу болбой, үчүнчү аял алса да балалуу болбоду. Койчубектин улуу уулу атасына: "абамдын баласы болбогондон кийин, анын ордуна мен бий болушум керек, ал карып калды", - деп тынчы кете баштады. Аны Жандар инисинин көз-карашынан эле сезчү: "бул бала өткүр чыгат, бий, болуш болууга жарайт, өз уругум эмеспи, балам болбогондон кийин ордумду берип карыганда жаман көрүнбөй тынч жүрсөмбү", - деп ойлонуп кайра дагы бир жолу үйлөнгүсү келди: "Төрт аял алып, бирине дагы балалуу боло алган жок. уруксуз деп кепке каламбы, чындап какбаш атка кономбу, ээ жараткан, айыбым кайсы, жок дегенде бир эле туяк берип койсоң ошону кубат кылып өлсөм да ток пейил болуп өлбөйт белем, алтымыштан ашканда мага ким, кайсы кыз тийет, тийген күндө да төрөп береби?" - деп ойлоду да, жүрөксүгөнү менен өзүн бир сынап көргүсү келди. Ошол карыган кезде тагдыр аны кандай калчаарын билбеди, тек жашоодон көптү үмүт эткен адам, көп пенде катары үмүттүн жарык шооласы аны алга карай жетелеп үйдөн аттанып чыкты.

Жигиттери менен эч кимге айтпай коңшу айылдагы өзүнө теңтуш кадыр-барктуу бийдин үйүнө түштү. Ошол жерден Жусуптун эшигинде жүрчү малын баккан койчусунун жаңыдан бой жетип келаткан кызын көрүп ичинен кым деп алды: "буйруса ушул кыз мага уул төрөп берчү аял болуп берет экен", - деген ойдо Жусупка ойундагысын айтпай конок болуп жөн-жай келген болуп кете берди. Үйүнө келгенден кийин Жусупту чакыртып алып коноктоду да, кетээринде ойундагысын айтты эле ал чочуп кетти:

- Ой Жандар, бул эмне дегениң, кара жаман кедейдин кызын алам деп, кадыр-баркыңа доо кетирип албайсыңбы?

- Жусуп, мен баарын ойлоп бүттүм, артымда тукум калбай калабы деп ойлосом түндү уктабай атырчу болдум. Эмне десе ошол десин, мага ал кыз төрөп берсе болду, анын үстүнө кыз абдан сулуу, сөөгү таза көрүнөт. Мен ушул кыздан сөзсүз балалуу болушума көзүм жетип турат.

- Өзүң бил досум, сенин көңүлүнө жакса ал кыз биздин колдо, кам санаба, аны мен сага алып берем! - Жусуп ордунан туруп камчысын ала сыртка чыгып аттанып кетти.

Ошол жылы Жандар Ажарга үйлөндү. Ата-энеси кызынын каршы болгонуна карабай аны:

- Кызым, Жандардай кадыр-барктуу, колунда бар киши биздин эшигибизге жөн келген жок, кудай жиберген бак, мындай адамдын назарын сындырганыбыз туура эмес, биздин ойубузга койбой күч менен да алып кетет, андан көрө макул болгонубуз оң.

- Макул ата, таалайыма ушул киши буйруган болсо айла канча, ансыз да теңтуш күтүп, тойлордо ойноп күлө албадым, кедейдин кызы кайда болсо кем экен, силерди жер каратпайын, - Ажар көзүн жашылданта жер карады.

- Бизге нааразы болбо кызым, колдо жоктун кордугу күч экен, мына бул иниңди чоңойсо кантип үйлөнтөбүз, көзүбүз өткөнчө бечаралыктан баш көтөрө албай өтөбүз го?

Кейип-кепчиген ата-эне байлыгы ашып-ташкан Жандардын кызына үйлөнгөнүнө эшигине кут түшкөндөй эле кубанды. Канчалык каада күтүп манчыркаган менен Жандар Ажардын ата-энесине кадимкидей калың берип: "нааразы кылбайын, солкулдаган сулуу кызын алып отуруп теңиме албай койсом болбос, Ажарым мага төрөп берсе болду", - деп төрт-түлүк малдан тогуздан айдатты. Ажар акылы терең аял затынан эле. Жыл айланбай кыз төрөдү, анын артынан уул төрөдү. Тукумсуз өтөмбү деп санааркап жүргөн Жандардын көңүлү тынып калды. Кайрадан бейбечараларды уруп-согуп өз өкүмүн жүргүзө баштады. Айымгүл абдан сулуу кыз болуп бой жетип баратты. Жандар кыялында кызын өзүндөй колунда бар, кадыр-барктуу жерге берип, жакшы жерден куда күткүсү келип жүрдү. Өзүнүн жанында эртели кеч малын багып ички-тышкы жумушун жасап, ата-бабасынан бери Куту бийдин эшигинде жүргөн кулу Кудайкулдун баласы ага арылбас арман, кайгыны алып келээрин билбеди. Кудайкулдун Айымгүлдөн эки-үч жаш улуу баласы Атабек эч нерседен жалтанбаган эр жүрөк жигит болуп чоңойду. Айымгүл менен эртели кеч бирге ойноп жүрүп экөөнүн ортосунда сүйүү пайда болуп баратканын өздөрү да сезишпеди. Жандардын үйүнө күнүнө эки-үч жуучу келип кыздын колун сурай баштаганда гана жеңесинен уккан Айымгүл так секирип алды. Ошондо гана Атабекти сүйөөрүн сезди. Эрке, өз билгенин койо бербеген кыз апасы аркылуу атасына Атабектен башка күйөөгө чыкпасын айттырды эле, Жандардын ачуусу келип Кудайкулду үйбүлөсү менен алыс жакка көчүрүп салды. Ээн талаада ичээрге суусу жок, кылаарга жумушу жок алсыраган үйбүлө аргасы кетип турганда Атабек алардын көңүлүн көтөрүп кокту колотко чыгып капкан менен койон кармап келип, өрдөк атып күнүмдүк өлбөс оокаттарын өткөрүп жатып Айымгүлдү сагынып көргүсү келсе да бара албады. Эгер кетип капса эле ата-энеси ачкадан өлүп калаары бышык. Акыры Атабек түндөсү ордунан туруп Жандардын жайлоодогу жылкысынан бирди уурдап келмей болду. Жылкычысы уктаган маалда бир бээни минди да түн ката жолуна түштү. Аны тааныган иттер баш көтөрүп үрбөдү. "Кызын менден ажыраткысы келген Жандарга бирди көрсөтөйүн", - деп ойлоп жылкыны талаага сойуп, баш-терисин көмдү да өзү жер казып кирди. Үч күн тердеп-кургап жер казып ичине бир киши сыйгыдай кылды да, арчаны бутактуусунан кыйып келип ичине койуп этти илип үңкүрдүн оозун жик билгизбей бекитип ата-энесине ченеп эт алып бага баштады. Жандардын жылкычысы бир жылкысын жоготуп келтек жеп үйүндө аргасы кетип жатты. Кудайкулдун тууган уругу да жок эле, ата-энеси илгертен Куту бийдин атасынын эшигинде кызмат кылып, алар өлгөндөн кийин ал да ошол жерде жүрүп жетим кызга үйлөнгөн. Кайда бараарды билбей акыры Атабек Өзгөн тарапка кетүүнү айтканда:

- Уулум, бизге баары бир эмеспи, тууган-уругубуз болбогондон кийин эптеп жашасак болду да, - Кудайкул башын жерге сала күңк этти.

- Сени ойлоп эле кейибесек, атаң экөөбүздүн жашыбыз өйдөлөп калды, өмүр бойу жокчулуктун азабынан тажап да бүткөндөй болдук. Ушу сен бактылуу болсоң болот эле… - апасы Зире көзүн жаштап алды.

- Кам санабагыла апа, мен Айымгүлдү сөзсүз алып качам, силерди карыганда жакшы багам.

- Тилегиңден кагылайын ай, Жандар анда эле бизге жашоо бербейттир, ошо кызды өз жайына эле койсоңчу, балам!

- Жок апа, ал мени күтүп жатат! - деп Атабек муштум түйө жини келе сүйлөп жатканда сырттан атчандардын дабышы чыгып бирөөнүн өктөм үнү чыкты:

- Ээй, ким бар, чык эшикке?!

- Ким керек? - Атабек эптеп тигилген алачыктан башбага Жандардын эки жигити менен жылкычысы турганын көрдү.

- Жылкы жоголду, кысыр калган семиз бээ, бий сенден шекшип бизди жиберди, үйүңдү тинткени келдик.

- Жандардын менде ала элек өчү дале бар болсо кир, кирип тинте бергиле! - Атабек колун үйүн көздөй жаңсады, - бийиңе айта бар, менин жүрөгүмдү жаралап, канчалык басынткан менен Айымгүлгө деген менин сүйүүмдү өчүрө албайт, ал баары бир меники!

- Ха-ха-ха, колуңда котур мышыгың жок, жалаарга кашык талканың жок, үстүңдө үйрүп салаар кийимиң жок туруп анан Айымгүлдү алып келип ачкадан өлтүрмөк белең, аны үч күндөн кийин күйөөгө узатат, андан көрө тойдо кардыңды бир тойгузуп алсаңчы! - деген Жандардын бир жигити жылкычысы экөө алачыктын самсаалап жабылып турган эски-уску чүпүрөктөрүн ыргытып буйумдарын чачып эч нерсе таба алышпады. Кетээринде бирөөсү:

- Айымгүлдү алам дегениңди кой, бөөдө бийдин каарына калып, кыз эмес өз алапайыңды таппай каласың, андан көрө өлтүрбөй аман койгонуна ыраазы болгонуң жакшы, - деп кетти.

- Ошону айтсаң, сени аяды окшойт, болбосо кырк кулач ороого салып коймок! - деди дагы бири.

- Көрөбүз, бийиңди жер сыйпалатам! - Атабек ого бетер күчөдү, жини келгенинен тигилер менен алыша кетмек болгондо ата-энеси тыйып койду.

- Мен Айымгүлдү алам, бий мени теңсинбесе кызын өмүр бойу көрө албайт! - деп кетип жаткандардын артынан кыйкырып калды, - демек үч күндөн кийин той экен да, мен камынышым керек экен… - деп ойлуу күбүрөнгөндө Кудайкул:

- Балам, бийдин каарына калдык, ал сени эми жазаласа биздин көрөөр күнүбүз кайсы? - деди айласы кете.

- Айтканыңдан кайт балам, сага кызын кармата койбос, андан көрө өз күнүбүздү өлбөстөй оокатыбызды өткөрүп маңдайыбызга сени кармап, бул дүйнөдөн кайгы касиретинен алыс болсок боло? - Зире уулун кучактай маңдайынан сылап өөп койду.

- Кабатыр боло бербегиле, эртең Өзгөнгө түшүп кетебиз.

- Кантип жол алыс, минээрге атыбыз болбосо, жөө бир айда жетчү жолдо ачтан өлөбүз го?

- Эч кандай өлбөйбүз ата, мен азыкты белендеп койгом, ал жакка жете албасак бул эле Шамшы өрөөнүнө барабыз.

Ошентип ары-бери тартышып отуруп Нарын тарапка өтүп кетүүнү туура көрүштү: "Үч күн" Атабектин ойунда ушул үч күн туруп алды, үч күндүн ичинде анын тагдыры чечилмек. Кочкордон Нарынга жетип эптеп бир жерге алачыгын тигип жылкынын бышкан этинен жеп, Зире бир аз калама жасап тойунгандан кийин Атабек ата-энесине айтпай кайрадан Кочкорго жөнөдү. Жайдак минген аты аны бат эле жеткирди. Айымгүл күндөп-түндөп ыйлап, энесинин үйрүлүп атып берген тамагын ичпей ойлонуп терезеде турган. Жандар жигиттери айтып келгенден кийин аны эшикке чыгарбай кайтартып койгон эле. Ажар өзү кедейдин кызы болгондуктан Айымгүлдүн Атабекке тийем дегенине каршы эмес эле. Ал алдын ала ага жашыруун түрдө кам көрүп: "кокус чындап Атабек келип алып кете турган болсо кийинки жашооңо кереги тийет, шашып калбай ала кет", - деп дилде берген. Ага кошуп өзүнүн келин болгондо бий алып келип таккан сырга менен шакектерин, алтын билеригин берди.

Атабек түндөп жетип минип келген атын алыс коктуга тушап койуп, Айымгүл жатчу бөлмөнүн терезесине келди. Дал ошол тушта кыз терезеге карай койуп сүйүктүүсүн көрүп кубангандан алаканын шакылдата чапкылап жиберди эле Атабек сөөмөйүн оозуна тийгизе "унчукпа", дегендей ишарат кылганда гана эсине келди. Колун булгай артын карады. Түн жарымынан ооп калган, кайтаруучулар эбак эле уйкуда болчу. Ал эми ажылдаган иттер Атабекти таанып бир-эки арсылдап барып куйруктарын шыйпаңдата унчукпай калышты. Өзүн үмүттүү тиктеп уктабай олтурган кызга ичи элжиреген жигитжан колу менен жаңдай кокту тарапты көрсөтүп ошол жактан күтөөрүн билдирди да караңгыга сиңип кетти. Кыз алдын ала дайындап койгон буйумдарын алып үйдөн жыла чыгып баратты. Анын караанын акмалап турган Атабек үстүндөгү күрмөсүн кыздын алдына төшөй салып, кызды өңөрдү да жөнөп кетти. Күн шашкеден өткөндө Нарынга жетип келди да ата-энесин таппай калды. Көрсө аларды ошол жердин ээси Ашым деген бай үйүнө алдырып алган экен.

- Эмнеге бирөөнүн жерине келип сураксыз алачык тигип от жагып алдыңар, ал менин ата-бабаман калган жер. Кайдан келдиңер эле? - деди жүзүн үйрүй.

- Кечирип койуңуз, бай, биз бир эптеп күн көргөн бечарабыз, туруктуу жашаган жерибиз деле жок, - деди Кудайкул.

- Бизге окшогон бечараны кечириңиз, жаман жумуш болсо иштеп күн көрмөк элек, - Зире дагы байды жалдырай карады.

- Эмне жумуш кыласыңар? - бай кызыга сурады.

- Кандай жумуш болсо да колубуздан келет, аялым үй жумушунда уздардын жасаганын билет, - Кудайкул шашып калды, - эптеп баш калкалар жай табылса биз сизге ыраазыбыз.

- Мм де, андай болсо жакшы, - деген Ашым бий аларга курсак тойгузгудай бирдеме берди да эски кичинекей кепеге киргизип койду. Кудайкул менен Зиренин кубанганын айтпа: "Кудай деген кул элек, дароо жай табылып калганы жакшы болду, эми уулубуз Айымгүлдү алып келип чуулган кылса эмне кылаар экенбиз", - дешип ичтеринен сарсанаа болуп турушту. Зире ошол эле күнү Ашымдын күйөөгө узатаар кызынын себин жасаганга киришти. Анткени Ашым ошондой кылып бермек. Атайы алдырган ишмер аял акысына кымбат алмак. "Өзү келгенден кийин курсагы тойуп, үстүнө жашаганга үй болсо болду да", - деп ойлогон Ашым аялына жеткирди. Зиренин иш билгилиги, жасаган буйуму, кызга деп кундуздан тиккен шөкүлөлөрү абдан жагып, маталарды алдына жайды байдын аялы Шекер. Кудайкул мал караганга кетти.

Бул кезде Атабек менен Айымгүл артынан куугун келсе таппай калсын деген ойдо тоону аралап кетишти. Адам буту жетпеген арчалуу тоонун чокусуна чыгып отту чоң жагып ушул азыркы бактыларына ыраазы болуп отурушту.

- Айым, сен мага капа болгон жоксуңбу? - Атабек кызды аста карап сурады.

- Жок Атабек, мен сени ошол бойдон кайрылып келбей калабы деп коркком, андан көрө атамдын силерге кылганы үчүн сен мага капа болбойсуңбу?

- Ой койчу Айым, сен мени сүйөөрүң, колунда жок кедейдин баласы деп чанбай көнүп бергениң эле кандай бакыт, сага өмүр бойу ыраазымын! - Атабек кызды коомай кучактап жүзүнөн сүйүп койду. Ушул көз ирмемчилик мүнөттөрдө эки жаш кандай гана бактылуу эле, кыз Атабектин көкүрөгүнө башын жөлөп алып көзүн жумат.

- Атабек, биз бактылуу болобуз ээ?

- Ооба жаным, Айымым менин, мен дагы, сен дагы жалгызсың, ошондуктан биз көп балалуу болобуз, кыздарыбыз сага окшогон сулуу болушат, балдарыбыз мага окшош болот.

- Эки кыз, эки бала болот.

- Жок-жок, беш бала беш кыз!

- Ай-иий, он баланы кантип багабыз?

- Экөөбүз багабыз, атамдар жардам беришет.

- Макул, сен айткандай эле болсун, сенин жаныңда олтурганыма бактылуумун! - кыз жылмая Атабектин жүзүнө карады.

- Мына үч күн болду, бизди издеп атышат, кокус экөөбүздү таап алышса сөзсүз өлтүрүшөт, атам абдан каары келип апамды жемелеп жаткандыр… - ойлуу көзүнө жаш кылгыра түштү.

- Коркпо жаным, менин ата-энем дагы сарсанаага батып жатышкандыр, алар мени өлтүрүп койду деп ойлоду го эмдигиче, жүрү кетели, бир жерден жашаганга жай таап алып анан атамдарды таап келем, чогуу бактылуу жашайбыз.

- Кеттик анда, мен сени өмүр бойу угууга даярмын, атам акыры түшүнөөр… - Экөө корголоп отурган жеринен туруп жетелешип алыстан көрүнгөн айылды көздөй жөнөштү.

Жандардын каары катуу келип үч күн тынбай издетип көзүнө көрүнгөндү жеп жиберчүдөй абалда болуп атты. Издеп кеткен жигиттери эч жерден таппай келишкенде аялын сабап жигиттеринин баарын камчынын алдына алды. Ошол түнү ал уктабай таң атырды: "Жандар, балалуу боломбу же туяксыз өтөмбү деп какшап жүргөн кезиңде, картайганда көргөн кызыңдын артынан куугун жөнөтүп, зарланган күндөрүңдү унуттуңбу?" - дейт бир ойу. "Эгер колума тийсе каратаман кулдун баласын асып өлтүрөм" деп ойлойт кайра. Түнү менен ойлонуп отуруп акыры: "Мен көр пенделик кылып жатам го, как баш аталаарда ушул аялдан бала көрүп көөнүм жайланып, бөксөргөн аягым толуп отурбайбы, Ажардын жүрөгүн ооруттум, кызымды качкын кылдым, неге анын ойу менен болбодум, кой, эл эмне десе ошо десин, кулдун баласы болсо да кызым каалагандан кийин сыйлашым керек!" - деген чечимге келди. Эртеси жигиттерин чогултуп алып:

- Айымды таап менин айтканымды айткыла, мен ойумдан кайттым, келишсин, экөөнү өргөө тигип берип, үйлөнтүп, жер, мал бөлүп берем, каршылык кылбайт дегиле!

- Лаппай болуш, айтканыңдай болот! - жигиттери колун бооруна ала жүгүнө чыгып кетти. Бейкасам чепкенин желбегей жамынган Жандар көптөн бери барбай кекетип жүргөн Ажардын өргөөсүн көздөй басты. Ал келгенде үстүнө чүмкөй төшөк жамынып төрдө жаткан Ажар тетири караган бойдон жата берди.

- Ажар, мен каарымдан кайттым, кыз-күйөөнү кечиргенимди укчу, ырас мен сени да капа кылдым.

- Болуш, бул кылганың менен өз кадырыңды түшүрүп албайсыңбы, кедейдин кызынан туулган кыз дагы кедейди жактырганы сенин кыжырыңды келтирип атканын билем, ошондо ойлосоң болмок, - Ажар ары карап жаткан бойдон үн катты. Анын камчыдан көгөргөн денелери ооруксунуп турган.

- Кемпир, мен жаңылдым, мен сага өз көңүлүм менен үйлөнгөм, көңүл арзуусу менен жүрөк арзуусун ушу кезге чейин сезбепмин, өз кызымдын эч нерсеси жок жылаңач, итке минген кедейди ээрчип кеткенине канчалык ачууланганым менен кудайдан тилеп жүрүп зорго көргөн перзентиме кыянатчылык кылуу колумдан келбеди. Кечирдим, эгер менин кечиримимди угуп келишсе дүңгүрөтүп той берип, бар байлыгымды чачып үйлөнтүп, бөлүп койом!

- Ыраазымын атасы, эки дүйнөдө ыраазымын, сени ушуга барбайт деп ойлодум эле, эрке секелегиңе түшүнгөнүңө ыраазымын! - Ажар онтой ордунан козголду эле, анын жүзүн көрүп чочуп кетти болуш:

- Ээ байбиче, ушунча болуп кеттиби, ачуум менен катуу уруп койгон окшойм, эми мына жаман уулубуз да чоңойуп баратат, ушунун өмүрүн тилейли, кой мен сени баглан козу сойуп айыктырбасам болбойт го, анча-мынча айбымды мойунума алдым, байбиче, - деген Жандар сыртка чыгып, кой сойгонго бир баланы жумшады. Өзү кайра Ажардын жанына кирип, калың кылып төшөк салдырды да төргө чыканактай отурду. Санаасы санга бөлүнүп турду: "Ботом, атам деле өтө мээримдүү адам эле, мен неге мындай жаралдым, боорукерлик кылчу жер да, залимдик кылчу учур да болот эмеспи, жалгыз чырагымды үйдөн качырып мени кудай урсачы, кайда, эмне кылып жүрүшөт болду экен", деп ойлоп: "деги бул сүйүү дегенине түшүнө албадым, биринчи аялымды аттуу-баштуу жердин кызы деп атам алып берди, экинчи аялымды болсо өзүм көпкөнүмдөн алдым, үчүнчүсүн эки аялым төрөбөгөнүнөн алгамын, мен сүйүп көрбөпмүн, арзып көрбөпмүн, эмнеси болсо да аман-эсен келишсе бээ сойуп түлөө өткөрөйүн", деп ойлуу куш жаздыкта көзүн жумуп жата берди. Түш оой козунун этти бышып үч аялын кошо чакырып Ажардын өргөөсүндө отурушту. Чалынын көңүлү чөгүп турганын билип турган аялдар Ажардын денсоолугун сураган болуп тамак желгенден кийин өз үйлөрүнө кетишти. Негизи үчүнчү аялы Жамал ичинен таба кылып, көзүн жаштап жини келип жүргөн: "балалуу болуп жыргаганыңды көрөм, кулдун кызынан жыргап кете тургансып", - деп кекенип алып чойоктой чыгып баратып кайра кайрылып каш серпе сурап койду:

- Болуш, Айымдан кабар барбы?

- Жок, таарынычы тараганда келет да, кайда бармак эле, күйөө бала экөөнү тең алып келүүгө буйрудум.

- Ээ кокуй болуш, эмне деп турасыз, теги жаман жерге баланын айынан кабылдыңыз эле, эми минтип тексиз аялдан туулган кыз биротоло кадыр-баркыңды түшүрө турган болгон го, ушу эшигиңдин алдында иттер менен аш талашкан кулуңуз менен куда болгону калдыңызбы?

- Бас жаагыңды, менин кадыр-баркымды сен сактабай эле кой, сен тектүү жердин кызы болуп тууп берсең кой дебедимби, бар жолуңа түш, жиниме тийсең төркүнүңө жеткирип берип шерменде кылам!

- Көрөөр көзүңүздүн жанынан чыкпайсыз, башка аялдарыңыздын адам экенин унутуп койдуңуз, ушундан көрө бизге талак бергениңиз оң го? - Кашкая туруп айтканына болуштун жини келип кетти:

- Эмне деп турасың катын, силер кеңешип алгансыңарбы, андай кеткиңер келсе кара башыңарды кетирем, тууган балдарыңар болбогондон кийин эч нерсеге ээ болбойсуңар!

- Мен эч ким менен кеңешкеним жок, жалгыз башыма азаттык сурап жатам, мага эчтекенин кереги жок, уктуңузбу, мен деген жашмын, байдын аялы болуп аталгыча кулдун эркин аялы болгум келет!

- Бас жаагыңды, кутуруп кетсең азыр да жолуң ачык, сени эркек эшекке жайдак мингизип туруп кетирбесем элеби?!

- Каалаганыңдай кыл, башымды азат кылсаң болду! - кебелбей басып кеткен аялынын артынан жинге ачууланып кала берди.

- Болуш, анчалык ачууңузду келтирбеңиз, андан көрө бүгүн анын үйүнө барыңыз, эрке токол болуп жүрүп мен келгенден бери анча көңүл бурбаганыңызга ошентип атса керек, көңүлүн көтөрүп жарпын жазып койсоңуз кайда бармак эле? - Ажар токтоо үн катты.

- Ошонун атасын оозун урайын, жиним келсе эртең үчөөнө тең талак берем, калган өмүрүмдү тынч гана өткөрөйүн, кызым келсе көңүлүм тынып баарын кайра баштайм! - Жандар отурган жеринде үңкүйүп күң этти. "Эл башкарып, бийлик талашып көп адамга катаал мамиле кылдым, далайын уруп соктум, үч аялдан балалуу болбой төртүнчү аял алдым, уулум чоңойгуча эптеп чыдайын", деген ойду ойлоп көк ала сакалын сылай отура берди.

Ошону менен сөз уланбады, сойулган козунун эти алдыга келип Ажарга ак серке шорпо ичирип, эттен жедирип тердетип карап атышты. Жандар айтканындай эле үч аялына азаттык берип, энчи бөлүп төркүнүнө узатмак болгондо улуу эки аялы: "карыганда төркүнгө барып уят болбойлу, өлүгүбүз ушул үйдөн чыксын, жаш эмеспи, Жамал кетсе кетсин", деп болбой койушту. Эки кемпирине ыраазы болгон болуш Жамалдын инисин чакыртып, энчи берип узатып койду. Ал эми Айымгүлдөн кабар болбоду, житип кеткендей издегендер таппай кайра келип атышты. Ажар этинин көк аласы кетсе да жүрөк жарасы күчөп, төшөк тартып жатып калды.

Атабек менен Айымгүл келип токтогон айылдан бирөөнүн үйүнө түнөп, эртеси жумуш издеп чыкты. Алар түнөгөн үйдүн ээси жалгыз бой аял, баласы жок, өз оокатын өткөргөн жан эле. Атабек менен Айымгүлдүн келгени ага жага бербей калды. Алардын качып келгенин угуп ого бетер сүйүндү:

- Эч кайда убара болбогула, бир жанга көрүнбөгүлө, мен силерди өз баламдай көрөйүн, караан болгула, айланайындар.

- Болуптур апа, биз сиздикинде жүрө туралы, мен иштеп экөөңөрдү багып алам, - Атабек кубанганынан ордунан тура калды. - Эртең иш издейм, бирөөнүн койун баксам да силерди ачка калтырбайм.

- Айланайын, өлөөр чагымда жалгыз болбой караан болгонуңар мага жакшы болбодубу, өлбөгүдөй оокат, мал-кел бар, аны мен көрүмө алып кетмек белем, беш-он күн үйдөн чыкпай эле кой.

- Коркпоңуз апа, качкан да кууган да кудай дейт эмеспи, башка салганын көрөөрбүз. Айым, сен эч кимге көрүнбө, апам менен эрмектешип отура бер! - Атабек башына төрт бүктөп жоолук байлап алып сакал-муруту өскөн бойдон сыртка чыкты. Анын кең далылуу алп мүчөсүн суктана караган Айым узата карап туруп: "ушул менин түгөйүм ээ, кандай сулуу күйөөм бар", деп ойлонуп жылмайып алды. Атабек жумуш издейм дегени менен ойунда ата-энесинен кабатыр болуп: "алар эмне болушту экен, мени ойлоп азап чеккени аз келгенсип талаада ач болуп курушту го", деп кыжаалаттанып аткан.

Башына жоолук байланган, сакал-мурут койуп алып шайдоот баскан кара каш, кара көз сулуу кең далылуу, олбурлуу жигитти көргөндөр бул айылдык эмес экенин дароо эле байкашты. Ошол учурда айыл-айылда байлар менен күрөшүү үчүн уйумдар түзүлүп жаткан эле. Жаштардын комсомол уйумуна дал ушу Атабектей эр азамат жигиттер керекке жарай турган. Абдыжапар аны жолдон көрүп эле конторуна ээрчитип келди.

- Кел иним, кайдан, кайда кетип жатасың, адегенде эле таанышып алалы, - деди Абдыжапар колун суна.

- Мен Асылканов Абдыжапар, комсомол уйумунун секретарымын! - деди.

- Атабек, - Атабек анын айткандарына анча түшүнө бербей колун берди.

- Жолдош Атабек, сен эч нерсе түшүнгөн жоксуңбу?

- Жок байке, мен… мен… - Атабек уяла түшүп башын жерге салды.

- Анда мындай иним, Владимир Ильич Ленин түзүп берген Револйуция байларды жойуп, бейбечара, кара тамандарга жыргал заманды алып келди, айылдарда комсомол уйумдары уйушулуп жалаң жаштар менен эр жүрөк адамдардан турган уйумга сага окшогондор кирип, байлар менен күрөшүбүз керек. Кедейлердин заманы келди, баш көтөрүп өз жыргалчылыгыбыз үчүн жалпы аракет кылбасак тебелеп бүтүштү баш көтөртпөй.

- Түшүндүм.

- Түшүнсөң комсомолго өтүп бизге жардам беришиң абзел!

- Макул, мен күрөшүүгө даярмын!

- Аты жөнүңдү толук айтчы?

- Атым Атабек, атамдын аты Кудайкул.

- Мм, Кудайкулов Атабек, бүгүндөн баштап комсомолсуң.

- Рахмат сизге, бир нерсе сурасам болобу? - Атабек бир нерсе айтсамбы же айтпасамбы дегендей тайсалдай туруп калды.

- Сура, жүрөк өйүгөн сурооң болсо эч тартынба!

- Мен Кочкордун айылынан качып келгем…

- Эмнеге?

- Мен Жандар бийдин кызын ала качып келгем, алар тапса өлтүрөт!

- Жолдош Кудайкулов, сен деген револйуционерсиң, комсомолсуң, эч нерседен коркпошуң керек, - аркы-терки басты. - Ал бийдин өзүн кулакка тартып, абакка айдаганда айласын таппай калат, биз силерди качырбай эле үйлөнтүп койобуз.

- Кантип, анын бардык дубандарга кадыры чоң, кулакка тарттырбайт го?

- Во-от жолдош Атабек, биз ошолор менен күрөшкөнү жатпайбызбы? Өкмөт кулап, Кеңеш өкмөтү курулду.

- Анда ырас болот эле, жолдош Абдыжапар аба, сизге кошуламын.

- Азаматсың, азыр бара бер, үч күндөн кийин дубандан чоңдор келет, ошондо чоң чогулуш жасап, кедей-кембагалдардын өз каалаганына баш кошуп эркин жашашына мүмкүндүк түзүлөөрүн элдин алдында далилдейбиз, биз кедей-кембагалдар баш көтөрүшүбүз керек!

- Макул, мен барайын, - деген Атабек Абдыжапардын айтканына ишенээр ишенбесин билбей чыгып кетти: "кедейлер, кул-күңдөрдү кантип эле колунда бар байлар эркин жашата койсун, алардын түбү күчтү, жер-байлыгы бар эмеспи, биздин айылга мындай уйум жете элек го, же мен эчтеке укпадымбы?!" - деп ойлоп, ата-энесин издөөгө айылды кыдырып жөнөдү.

Кудайкул кой жайып тоого чыгып кеткен, Зиренин чолосу тийбей сеп жасап бүткөндөн кийин дагы колу бошобой байдын үй жасалгасын тигип атты. Ошондуктан аларды табуу оңойго турган жок. Кечке кыдырып таппай чарчаган Атабек күүгүмдө келди.

Үйдө отуруп зеригип да ата-энесин, Атабектин ата-энесин ойлоп сарсанаа болгон Айымгүл ага асыла кетти:

- Аябай кечиктиң го, ойлоно берип башым ооруду, энем экөөбүз тамак ичпей сени күтүп отурабыз.

- Апа, - Атабек көргөнүнө эки күн болсо да Бекей энени өз энесиндей апа деп алды. - Мага карабай тамактана берсеңер болмок, менде жакшы жаңылык бар, - Айымгүлдү жадырай карады. - Бул айылда бай-Манаттар менен күрөшүп, кедей-кембагалдардын таламын талаша турган уйум бар экен. Мени комсомолго алды, эми мен дагы Манаттар менен күрөшүп, өкмөттөн жер, мал алып эл катары жашайм!

- Бай-Манаттарды күрөшүп эмне кылышат экен? - Айымгүл үрпөйө сурады.

- Өз эрки менен жерин, малын бейбечараларга бербей турган болсо кулакка тартып түрмөгө каматат экен да, алып берет экен.

- Ыраспы?

- Ооба, ал турсун экөөбүздү үйлөнтүп өкмөткө алынган мал менен жерден бөлүп беришип өзүбүзгө түтүн булатканга жардам берет экен.

- Анда-аа, атам өз эрки менен мал-мүлкүн ортого бербейт, анын мүнөзүн билем, аны абакка алып кетсе эмне болот?

- Экөөбүз эркин жашайбыз, жашырынбай, коркпой, - Атабек чын пейилинен кубана айтты.

- Атабек, канчалык катаал, залим болсо да атам эмеспи, ал үчүн коркуп атам.

- Коркпо жаным, мүмкүн кыйыктанбай эле өткөрүп берип тынч жашоосун өткөрүүнү каалар…

- Жо-ок Атабек… - Айымгүл ойлуу отуруп калганда анын жанына кынала отура калган Атабек мурдунан чымчый эркелетип койду:

- Айым, күнүм менин, жарк деп күлүп койчу, ушу сенин айдай жамалыңды көрбөй каламбы деп кандай гана корктум дейсиң, эми жанымдасың, кабатыр болбо, баары жакшы болот.

- Көрөөрбүз ээ Атабек, кедей-кембагалдарга жакшы заманды алып келгени го жакшы, бай-Манаттар менен күрөшкөнүнөн жүрөгүм түпөйүл болуп калды. Атам эгер баш ийбесе кулакка тартып алып кетеби деп чочулап турам.

- Жаным десе, эч коркпо мен комсомолдор менен жүрсөм эң алды экөөбүз коопсуз жашап качкындыктан кутулуп алсак анан аны да көрөөрбүз.

Көпкө отурушту, Бекей үндөбөй отуруп анан бир кезде сөзгө кошулду:

- Аял-эркек дебей иштейт, аялдар эркектер менен тең укукка жетет деп атышат балам, мен дагы ошону угуп алып, менин он чакты жандыгым бар, жалгыз бой кемпирмин, эл эмне болсо мен да ошолмун, улак-козудан алгыла деп барсам, жарыктык сиздин беш-алты жандыгыңызды алып эмне кылабыз, оокатыңызды өткөрө бериңиз деп койду пристател.

- Чын эле короо-короо кой, үйүр-үйүр жылкы, адыр толгон уйлары бар бай-Манаттар турса сиздин биртке малыңызга тиймек беле. Адилет заманы ушу сизге окшогон, бизге окшогон куугунтук жеп эркиндик издеген бейбечаралардыкы тура, апа. Кудай буйруп жаңы өкмөт курулса, жерге ээ болуп үйлүү болсок сиз менен ата-энем болуп чогуу жашайбыз.

- Тилегиңе жет балам, - эне алакан жая бата берди. - Ылайым эле ошол жаңы өкмөт тез келип кара тамандардын багы ачылса экен.

Түн бакырдыкы дегидей бүлбүл жанган чырактын жанында үчөө кобурашып отуруп кеч жатышты. Көксөгөн максаттарына жетишип, жетелешип баса берген кыз-улан үнсүз бир-бирин карап койуп Бекей эне көрсөткөн жерге төшөк салып жатышты. Ай толгон түндүн жым-жырттыгында иттердин үргөнү, аттын кишенегени, кээ-кээде жакын короодогу жандыктардын бышкырганы гана угулат. Мемиреген түндө терезеден түшкөн жарыкты карап Атабек менен Айымгүл көпкө үнсүз жатышты. Бир кезде Атабек өзүнүн калтаарыганын билдирбеске аракет кылып:

- Айым, эмнени ойлоп жатасың? - колун анын үстүнө койо.

- Эч нерсени… - кыз да сүрдөгөндөй жооп берди, - а өзүңчү?

- Мен.. мен экөөбүз жөнүндө ойлоп жатам… Акырын кырынан оодарыла кыздын чачынан сылады, - качан үйлөнөбүз? - шыбырай оозун жакындатты.

- Билбейм… - кыз караңгы түндөгү айдын жарыгында жүзү кызара түшүп жылмайып койду. - Биз биргебиз, мен үчүн ушундан артык бакыт жоктур.

- Алтыным, мен да ошентип ойлойм, ак никебизге чейин чектен өтпөшүбүз керек.

- Сүйүү үчүн ата-энени да кечип кетүү кандай өкүнүчтү, мен эч качан ата-энемди капа кылбайм дечү элем, чынында сагындым аларды, инимчи, ал мени башкача жакшы көрчү эле?

- Чыда алтыным, чындап эле кедейлердин заманы келсе, экөөбүзгө атаң деле каршы чыга албай калаар, аргасыз макулдугун берип ак батасын берээр?

Экөө тагдырдын туңгуйук жолдорунун белгисиз мүнөттөрүндө өз ойлору менен алышып жатып уктап кетишти.

1926-жыл. Жандар Айымгүлдөн кабар ала албай ичтен сызып: "баягы кайрат-күчүм кайда кеткен, балаңдын жогу да, бары да азап тура, менин алсызданышым туурабы же кайратымдан жанып баратамбы?" - деп санаага батып жүргөндө айылдын чок ортосуна шапкечен орус, кыргыздар келип кедей-кембагалдарды чогултуп бай-Манаттардын тизмесин алып, жаш эр азамат жигиттерден топтоп уйум түзүп жатышты. Иримде Жандардын аты аталды. Эртеси жалпы эл чогулуп мен деген колунда барларды, бий менен Манат-болуштарды чакыртып алып өз ыктыярлары менен мал-мүлкүн ортого, өкмөткө өткөрүп берип колхозго киришин талап кылышты. Алар ойлонуп көрүү үчүн уруксат сурашты. Жандарга бул оңой тийген жок: "Ээ жараткан, бул эмне деген кордугуң, өз боорумдан өсүп канымдан жаралган кызым бир күйгүзүп, малыңды ортого өткөр деп өкмөтү чыга калып… ошо кантип болсун, мал-мүлкүмдү кайдагы бир кара тамандарга кантип бермек элем, ата-бабаларымдан калган жеримди… " деп ойлосо ичинен кан өтүп кете жаздап атты.

Ошол эле күнү кечинде Жандардын үйүнө бай-Манаттар, бир айылдын аттуу-баштуулары чогулуп жыйын өткөрүп жатышты.

- Ээ туугандар, эми эмне кылдык, уруят заманы келатат, башында Иледин деген немеси турат дешет, бу кара тамандардын өпкөсү казандай болуп, ашка жетпеген кулдар уйумга киришип, тиги жаман Итикулдун баласы шайлоо пристател болгон имиш, - деди Жандар төрдө кыдыратасынан өзүн карап кулак түрүп отурган кадырман конокторун карай.

- Атасынын оозун урайын ошолордун, бер десе эле бере койгудай айбан белек, өз менчигибизди, жети атабыздан калган жерди аларга бергиче өрттөп ийген жакшы, - байлыгы менен бий-болуштардын катарына кирген Жаманкул эки колун бөйрөгүнө таяна чирене айтып турду.

- Туура, уруят болсо өзүнө, колхозуна кошулса кошулабыз, бирок мал-мүлкүмдү эч качан ортого бербейм, - деп чирене сүйлөдү Баатыр болуш.

- Манас атанын арбагы колдосун, биздин жети атабыздан бери барлыкта, Манат болуп келген, биз өзүбүздүн кудай буйруган жерибизди кулдарга тебелетпейбиз! - Жандар аларды коштоп койду.

Ошентип өлсөк да мал-мүлкүбүздү, жерибизди бербейбиз деген чечимге келип эртеси конторго чогуу барышты.

- Ээ келиңиздер, - деп жылмая жылуу жүз менен тосуп алды аларды Шайлоо.

- Отуруңуздар!

- Келдик, пристатил Шайлоо балам, бу биз кеңешип көрүп сенин колхозуңа кирели деп чечтик, ал эми мал-мүлк менен жерди өткөр деп кыйнабагыла, ал биздин өз эмгегибиз, жети атабыздан калган жер, кедей-кембагалдарың өз билген намазын окуй беришсин! - Жандар аста сүйлөй Шайлоону сынай карады.

- Жарыктык, андай болбойт да, бай-кедей деген жок теңдик заман келди, мал-мүлкүңөрдү ортого өз ыктыярыңар менен берсеңер бересиңер, бербесеңер кулакка тартыласыңар!

- Жок, анда биз өкмөтүңө да, колхозуңа да кошулбайбыз, бизди өз жерибизге тынч койгула, - деди Баатыр болуш.

- Андай болбойт, жер суунун баары элдики, силерден чогулган малдарды жетим-жесирлерге, бейбечараларга бөлүп берип, ашса ортого мал чогултуп өкмөткө өткөрүп аны өзүбүздөн койчу чыгып акысын өкмөттөн алат да багат.

- Кой-кой балам тамашаңды, ошо жетим-жесирлер үчүн мал багып, дүйнө чогултуптурбузбу. Минте берсеңер элдин буту баспаган тоонун башына көчүп кетип жашай берсек да болбойбу?

- Болбойт, дагы үч күн уруксат берем, жакшылап ойлонуп келесиңер, болбосо дубандан киши чакыртам да кулакка биринчилерден кылып айдатам! - деди аларды тике карап.

- Ээй бала, бизди кулакка тарттыргыдай сен өзү ким болуп кеттиң, куур тонуң бүтөлүп чоң сүйлөй баштаган экенсиң, дубандан биздин сөздү уга тургандар да бар, өзүңдү абакка тыктырып койбойлу! - Жаманкул жини келе ордунан тура калды, - бу кара таман кулдарга бийлик берип койсо чочоңдоп калганын, бизге окшогон байлыгы мол бай-Манаттар бириксе силер бир заматта жок болосуңар!

- Ха-ха-ха ошону айтсаң, кой эми аттуу-баштуубуз алдына келгенде кишичилик кылып кечээгисин ойлор десе кутуруп калганын, Итикул атаң менин эшигимде иттер менен аш талашып эле жүрчү, сен тың чыккан экенсиң, кул кутурса ээсине кол көтөрөт болбо, сенин өкмөтүңсүз эле жашайбыз! - Баатыр ордунан тура сыртты көздөй камчысын сүйрөй жөнөгөндө тигилер да кошо жөнөштү.

- Көрөбүз, үч күндүн ичинде өз ыктыярыңар менен өткөрөсүңөр! - деген бойдон Шайлоо дагы айтканынан кайтпай өктөм айтып кала берди.

Жандардын тынчы кетип уйкусу кача баштады: "кантсем экен, баарына макул болуп эле өлбөстөй оокат алып калып калганын өткөрүп берсемби", - деп бир ойуу айтса, бир ойуу: "Жо-ок Жандар, сен алсыздык кылба, кайрат-күчүңдү жыйып кара тамандар менен күрөш, жеңиш силер жакта болот", - деп бир ордунда отура албай ээлигип атты: "баягы Кудайкул баласы экөө ушундай өкмөткө кирип кетишкен го, жарды-жалчыларга жардам берип атса аларды канатына калкалап аткандыр", - деп ойлогондо муундары калчылдап кетти: "Жо-ок, мен Айымгүлдү ал кара таман кулга, уруят замандын өкмөтүнө кошпойм, андан көрө өз колум менен өлтүрүп салам", - деп жиндене кыйкырып алды. Анын үнүн уккан Ажар үйдөн чыга калды:

- Эмне болду болуш, мынча неге ачууланып алгансыңар?

- Ачуу келбей турган жорукпу, өз канымдан жаралган кызым намысымды тебелеп тексиз кул менен басып кетсе, эми минтип кара таман кулдар ортого мал-мүлкүңдү өткөрүп бер, жериңди да алабыз деп атса.

- Эл-журт эмне болсо ошобуз да, көпкө салганды көрөөрбүз бийим, анчалык эле ачууланбай сабыр тутканың жакшы го?

- Болуптур, сабыр тутайын, ошондо эле тигил жаман кулдар токтоп турабы мени карап?!

- Ошентсе да сабырдуулук менен күткөн жакшы… - Ажар башка сөз айтууга даабай кайра кирип кетти. Жандар көпкө чейин сыртта ары-бери басып жүрдү. Ошол түнү ага үч киши келди. Аларга кошулуп Жандардын шериктери Баатыр, Жаманкул болуп он чактысы келгенден кийин бир нерселерди чечишти да таңга маал тарап кетишти. Эртеси койчусуна, жылкычысына түнү менен малынын бирин калтырбай айдатып, жүктөрүн атка арттырып айылдан чыгып кетишти. Эртеси анын журту гана калганын көрүштү.

Шайлоо комсомолдун мүчөлөрү менен алардын ар биринин үйүн карап жүрүп эч кимисин таппады. Элди ортодогу чогулган малдан, дандан алып ирдене баштап өкмөткө, уруятка ыраазы болуп аткан бейбечараларды чогултуп:

- Жолдоштор, бүгүн мен силерге орчундуу маселе айтмакчымын, кечээ түнү айылыбыздын белгилүү болуш-бийлери, байлары качып кетишти. Өкмөткө, колхозго кошулуп мал-мүлкүн өткөрүп берүүдөн баш тартышып басмачы болуп кетиши мүмкүн, түнкүсүн этият болгула, алар эми биз менен күрөшүүдөн кайра тартпайт! - Шайлоо эки колун өйдө-ылдый кылып сүйлөп жатты.

- Наалат ошо бай-Манаттарга, тоо-ташта макулуктарга жем болушсун! - деди элдин ичине бирөө.

- Тентип өлсүн, өздөрүнүн бийлигинин кулаганын мойундарына алгысы келбей кул жумшагысы келип теңине албай жатышса кудай көргөзсүн аларга! - дешип эл жаалданып атышты, ошону менен бирге алардын жүрөгүн коркунуч ээлеп: "чын эле эмне болуп кетер экен, кудай сактай көр", - деп ойлогондору да болду.

Атабек ириде комсомолдордун ичинен акылдуулугу, токтоолугу, олбурлуу мүчөсү менен элдин көзүнө көрүнүп Абдыжапардын жардамчысы болуп калды. Көптөгөн жумуш анын мойнуна жүктөлдү. Элден түшкөн дандан жетим-жесирлерге бөлүп берип, өтө колунда жокторго бир кой, бир эчки, бир уй таратып берип, ашкан данды эгин айдалчу талааны айдатып, үрөн септирип жатты. Абдыжапар Атабекти бир кой сойуп комсомолдук той берип үйлөнтүп койду.

- Жашасын Уруят заманы! - деди эле чогулган эл да кайталап күрү-күү болуп бир аз да болсо жокчулук жолун кайыштырган кыйынчылыкты унутушуп бейбечаралардын кубанычтуу үндөрү угулуп турду. Биринчи жолу эки сүйүшкөн жаштардын тойун өткөргөнүн уккан бай-Манаттар ого бетер тиштерин кайрап: "Кутурганда ушул кулдар кутурду, булардын жинин кагып, кул кул бойдон калаарын далилдеп койбосок төбөгө чыгат", - деп ойлоп айылдагы үгүт жүргүзүп жаткан өкмөттүн курамдары менен предцедателдерин, комсомолдорду коркутканга өтүштү. Абдыжапарды түнү бойу аңдыган үч атчан келип башына мүшөк кийгизип, тоого алып кетип кыйнап өлтүрүшүп кайра жыландай сойлогон үч атчан контордун эшигине үч күндөн кийин алып келип таштап кетишти. Үрөйлөрү учкан кедейлердин көбү дароо эле бай-Манатка каршы күрөшүүгө чындап киришсе, кээси: "ач кулактан тынч кулак деп тынч жүрө берсек окшойт, алар күчтүү, баарыбызды өлтүрөт", - деп ойлошуп арсар болуп турушту. Абдыжапарды койгондон кийин, анын ордуна Атабекти шайлап койушту. Айымгүл аны укканда абдан сарсанаа болуп ачык айтты эле, ал:

- Айым, эч коркпо, кудайдын маңдайга жазганын көрөөрбүз, экөөбүз сөзсүз бактылуу болобуз, кө-өөп жашап бала-чакалуу болобуз, - деп анын маңдайынан өөп койду.

- Корком, тынч эле жүрсөк боло, басмачылар жаман деп атышат, атам дагы байлыгын өткөргөндөн баш тартып басмачы болуп кетсе, сени бат эле табат, Атабек, тынч эле болсоң… - Айымгүл ыйламсырап ийди.

- Айым менин, күнүм, сен эчтекеден коркпо, - Атабек ойлоно түштү, атасы Жандардын алда качан эле эл-жерин таштап көчүп кеткенин уккан менен Айымгүлгө айткан эмес; "айтсамбы же айтпасамбы" деп ойлоп. - Атаң андайга барбас, малын берсе да басмачы болушу мүмкүн эмес.

- Билбейм, - Айым жер карап ойлуу отуруп калды. Күндүзү Бекей эне экөө бирин-экин малына көз болуп өздөрүнө бөлүп берген уйду саап ичип оокаттары дурус эле. Айымгүл апасы берген дилделерин катып жүрүп акыры ага бир сыйра кийим-кечеге ылайык мата, төшөк жасаганга кездеме сатып алып ирденип калышкан. Бара-бара Айымгүлдүн бойунда бар экени билинип Атабектин кубанычы койнуна батпай жүрдү. Арадан алты ай өтүп Айымгүлдүн бойунда бар экенин Бекей эне укканда өзүнөн-өзү чүнчүп сыртынан билгизбегени менен кайсактап бир нерсе айталбай жүрдү. Бир күнү коңшусу өзү теңдүү алтымыштардагы аялга сыр кылып айтты:

- Курдаш, мен сени менен кеңешейин дедим эле, үйдөгү келинимдин бойунда бар… - деп арсарсый туруп калды.

- Болсо болор бечара, жаш, өңдүү-түстүү неме экен, сага караан болуп жакшы эле болду.

- Жакшы эмей… менин айтайын дегеним такыр башка кеп, мени билесиң, бойума болбой койгон жок, өзүм кара басып төрөп, балдарым токтобой койбодубу, ушундайда Айымгүлдү башка жакка кеткиле, менин кесепетим тийбесин деп айта албай кыйналып атам.

- Капырай, ал бечаралар кайда барышат, кудай деп тим кой да, аман-эсен төрөп алаар?

- Жо-ок, жо-ок курдаш, корком, дал ушул үйдөн төрт баланы кара басып, төрөп бакшынын жардамы менен өзүм аман калып балдарымды карманалбай калдым эле корком, менин кесирим тийип калабы дейм, сен аларга айт!

- Эмне деп? - Чоочуй сурады коңшусу.

- Эмне демек элең, бул үйдөн төрөп түшүп балаңар көзгө көрүнгүчө кете тургула, Бекей кара басып төрөп жүргөн аял, кесепети тийет де!

- Аа-а байкушум десе, мейли мен эле айтайын, сенин коркконуңча дагы бар, - деп ээрдин шылп эттире тартып алып отуруп калды.

- Өзүм деле аларга көнүп калдым эле, айла канча, менин жолума түшүп кетпесин деп эле коркуп атпайымбы.

- Мейли, мен айтайын, - ушу менен сөз бүтүп эки кемпир үй-үйүнө тарады. Бекей эне чындап эле коркуп жүрдү. Ал өзүнүн бир кездеги "эне болом" деген үмүттөрү жалп өчүп, баласы токтобой акыры күйөөсү башка аял алып, азыр балдары бойго жетип үйлөнүп-жайланып калганын, ушул үйдү пааналап жыйырма жылдан бери жалгыз жашап келатканын ойлоп үшкүрүп алды. "Ээ жараткан, бейкүнөө бечараларга кесирим тийбесе экен, али жаш туруп менин кесепетимен зарлап калбасын", - деп күнү-түнү ойлочу болду. Бекей эне бир күнү таң заарынан бир жакка кетти, Айымгүл жалгыз торпок аркандап койуп уйкусу келип жатып алган. Сырттан кирген коңшу кемпир жөтөлө үн салып үйгө кирди. Уктап кеткен Айымгүл ордунан тура калды:

- Келиңиз энеке, - ордунан тура калып төргө төшөк сала койуп, - биякка отуруңуз, эне.

- Келдим кызым, бу Бекей көрүнбөйт да? - билмексен болуп сурап койду.

- А, энем жумуштары менен чыгып кетти го, - дасторкон жайып калама койуп, - чай ичиңиз, мен кайната койойун.

- Кой тим эле гой кызым, мен жөн эле кире калдым эле… - Эки жагын карап койуп, бир маанилүү сөз айтчудай эңкейе берди Айымгүл жакка, - Мен силерге бир нерсе айтайын дедим эле, туура көрөсүңбү же билбейм.

- Айта бериңиз, эне? - Айымгүл ойунда эч нерсе жок эле күлө карды.

- Балам, кошкат экенсиң, жашсың, этият бол, - дале сөздү эмнеден баштарын билбей жалтактай берди, - Бекей ушул үйдө отуз жылдан ашык убактан бери жашап келатат. Төрөп, төрөгөн балдары токтобой калган, сен төрөп түшүп алгыча бул жерден кетип калсаң жакшы болот эле, анткени Бекей дайым кара басып төрөгөн аял, кыскасы төрөтүңө кыйын болуп калбасын.

- Койуңузчу эне, кантип эле, энем ошентсе эле мага кыйын болмок беле, анын үстүнө туугандык жайыбыз деле жок эмеспи?

- Андай эмес кызым, төрөгөнчө көздөн далдаа болуп анан кайра келе берсең болот.

- Жо-ок эне, кудайдын көзү түз болсо болду, мен төрөөрдө кетип анан кайра келсем энем көңүлүнө алат го, кудай сактасын. - Айымгүл коңшу кемпирдин айтканын жактырбагандай жер карап айтты: "бул кемпир биздин эне-бала болуп чогуу жашап атканыбызды көрө албай жаткандыр" деп ичинен ойлоп да алды.

- Айттым-койдум да, кызым, аман-эсен төрөп алсаң эле болду, жараткан өзү жар болсун, - ордунан тура бөжөңдөп чыгып кетти. Айымгүл аны узатмак турсун жаман көрүп да, эмне дээрин билбей да отуруп калды.

Кечке маал Бекей эне, андан кийин Атабек келди. Айымгүл жасаган тамактан чогуу ичишип божурашып, тээ илгертен бери бирге жашап келаткан эне-баладай болуп кобурашып отурушту. Айымгүл коңшу кемпирдин айтканын кеп кылбады. Анын отуруп-туруп кыймылдаганын көргөн Бекей эне:

- Айым, сен отура берчи балам, отуруп-тургандан кыйналып каласың, анча-мынчаны мен эле кылам, - деп колундагыны ала койду.

- Койуңузчу эне, кыйналбайм деле, сизди жумуш жасатып койуп мен кантип отурам, - Айымгүл уяла башкасын кармалай баштады. Бекей эне коңшусунан кеп укса айтаар деп ойлогон эле, бирок Айымгүл эч нерсе укпагандай: "чунак кемпир айткан эмес окшойт, эми эмне кылам, деги аман-эсен көз жарып алса болот эле", - деп бушайман боло берди. Түн кирип ордуларына жаткандан кийин Айымгүл Атабектин төшүнө башын койо эркелеп жатып:

- Атабек, бир нерсе айтайынбы? - деди үнүн бас чыгарып.

- Айта бер, - Атабек кулак түрө колуктусунун чачынан сылай унчукту.

- Коңшу кемпир келиптир бүгүн, анан ал бирдемелерди айтат.

- Эмне дейт? - Атабек кызыга түшүп сурады.

- Бекей энемди кара басып төрөгөнүнөн балдары токтогон эмес, силер башка жакка кетип калгыла, кийин келесиңер дейт.

- Ал эмне дегени, энемдин кара басып төрөгөнүнүн бизге эмне тийешеси бар, биз деген тууган эмеспиз, - ойлуу жатып анан, - биздин эне-баладай болуп жашаганыбызды көрө албай жаткан го, кудай сактасын, - деди келинчегин кучагына кыса.

- Мен да ошентип айттым, кудайдын жазганын көрөөрбүз, ушул наристебиз аман-эсен көзгө көрүнүп алса мен ал кемпирди уяткарам.

- Кой эмне кыласың, өзү деле уялып калаар, балким чын эле өз ойун айтып жаткандыр, анткени эненин балдары токтобогонун өзү деле айтпады беле?

- Ошону айтсаң, ар-бир адамдын жаралганда маңдайына жазып койот экен, биздин мындан аркы тагдырыбыз жакшы эле болсо экен… - Айымгүл улутуна күйөөсүнүн кучагында уйкуга алдыра көзү илинип баратты.

Уйкусуз жаткан Бекей эне алардын сүйлөшкөндөрүн далисте жатып чала-чарпыт угуп калды: "алда кудай ай байкуш кемпирди жаман көргөзүп күнөөсүн көтөрүп алдым, ал мен үчүн жаман көрүнгөн экен, ушундан көрө өзүм эле айтпай. мейли эми, кудай жар болуп эсен-аман көз жарып алгысы бардыр. Ошол күнү мен үйдөн такыр жоголойун, көрүнбөйүн" - деп түндү узата ойгоо жатып таң заары менен туруп намазын окууга киришти. Ошол күнү булардын тынч жашоосуна кара көлөкөдөй болгон тыңчылар менен кошо Жандар келди башына селде оронуп, жаагынан бери сакал баскан мурутун чычайта тарап койуп. Айымгүлдү өзү издегенине көп күн болуп калган. Аны Жандар экенин эч ким тааныбас эле. Анткени анын кичине гана муруту болбосо сакалы жок болчу. Атайын өзүн таанытпас үчүн айыл аралап жүргөн. Айымгүл айыл четинен торпок жетелеп келатканын көрүп жанындагы жигитине ээгин экчей көрсөттү:

- Тигини көрдүңбү, жакшылап таанып ал, менин кызымды.

- Тааныдым, - алдыга жүткүнө берген жандооч башын ийкеңдетти.

- Анда эртең ушундай ээн жерге чыкканда эптеп алып бар мага, бойунда бар экен, өлтүрүп алба, менин кара чечекейим.

- Лаппай бийим. - Экөө ошондон ары тоого чыгып кетишти. Жандар кызынын сөлөкөтүн көз алдынан кетире албай өзүнчө чабалактап отура калып, тура калып тынчый албады: "туура кылып атамбы, бойунда бар экен, күйөөсү болсо менин айныгыс душманыма айланды", - деп өз ойун жыйнай албай атты. Эртеси ал жигитин жиберип Айымгүлдү алдырып алды. Ал атасынын алдына алып келип колу бутун чечкенде кыйналып кетип көпкө эсине келе албай туруп аз-аздан көзүн ачып:

- Ата, бул эмне кылганыңыз, ушул кебетем мен кыйнабай тынч эле койбойсузбу?

- Кызым, сагынып кеттим, кара чечекей өз кызым эл алдында сындырып кетсе да ырайымдан кайттым, экөөңө ыраазычылыгымды берейин деп издеп таппай койдум, апаң болсо ыйлай берип көз жашы кургагандай болду.

- Андай болсо жакшылыкча эле айтып апкелбейт белеңиз, өзүңүз эмне болуп алгансыз, атакебай! - Айымгүл атасын кучактап алып буркурап ыйлап ийди.

- Садагасы кызым, убакыт ушундай болуп калды, айла жок тоо-ташты аралап жүрүүгө туура келди, - Айымгүлдү бооруна кыса ойлуу туруп, - Бу сен күйөөң кулдардын чоңу болуптур дейт го? - деди кызынын карысынан кармай көздөрүнө тигиле, - ушул чынбы?

- Эл шайласа, заман өзгөрүлүп атса кайда барат ата, элден чыгабы?

- Ээ балам, ошо кара таман малчылардын айынан ушинтип калдык, мен эми өз ырайымдан кайтпайм, Атабек менин эң биринчи душманым болуп калды, эми сен аны көрбөйсүң!

- Ата! - Айымгүл Жандарды түртүп жиберип өңү кумсарып кетти, - Атабекти душманым деп эсептебеңиз, анда мени да балалыктан кечип койуңуз!

- Ай-ай кызым, анчалыкка барбай, апаңдын ал-абалын сурап, учурашып койсоң боло, же Атабек деп биротоло ата-энеңди кечесиңби?

- Ата-энем баласына мээрим төгүп, өз милдетин аткара албаса кечип кетүүгө болбойбу?! - Көздөрүн чакчайта бакырып артка кетенчиктей түштү. Караңгыда ары жактагы боз үйдөн Ажар Айымгүлдүн үнүн угуп шаша-буша жүгүрүп келди:

- Айым, кагылайын кызым, чырагым менин, кайда жүрөсүң, көлөкөм менин! - Келип эле Айымгүлдү кучактай калып буркурап-боздоп өпкүлөп жатты, - Садагам ай, деги аман-эсенсиңби, көрөөр күнүм, үнүңдү угаар кезим бүгүнбү?

- Апа, апакебай! - Айымгүл апасы экөө көпкө чейин кучакташа ыйлап турушту.

- Жүр кызым, үйгө кирчи, - Ажар Айымгүлдү колтуктай ары басты.

Жандар үндөбөй аларды узата карап туруп башын мыкчый отуруп калды. Ал өзүнчө ойго тунуп: "Ээ кудай, бу кыз эмне деди, аталык милдетиңди аткарбадың дейби, бала көрбөй как баш өтөмбү деп жүрүп тилеген балдарымдан ушул сөздү укчумунбу, деги эмне деген күнгө туш болдум. Атадан бала озот, энеден кыз озот, акыр заман болоордо иттин ичиндеги күчүк үрөт деген чын го, акыр заман жакындап калган го", - деп кыжынгандан колунун муштумдары түйүлө калып жатты: "Жок-жок, мен намысымды тебелетип бир кулдун баласын төбөмө чыгарып басынып калбайм, аларды жеңип жаным тынбаса, жаным жай албайт!", - деп ордунан туруп этегин кага боз үйдү көздөй басты. Айымгүл ошол күнү түнү менен ооруксунуп чыкты. Ажар күйпөлөктөп майдан жасалган кичинекей биликтин жарыгында жанына отуруп коркуп атты: "кудай сактай көр, козголуп калбаса экен, арам өлгүр кандай кара өзгөй адам эле, баланын кусуру ургур", - деп ичинен сызып көзүнүн жашын сыгып отурду. Эртеси ойлонуп-ойлонуп отуруп бир чечимге келген Жандар Атабекти алып келүүнү буйруду. Айымгүл менен Ажарга билгизген жок. Жандар канчалык кызынын абалын көрүп туруп боору ооруп: "кантсе да өз канымдан жаралаган балам го, оокатыңарды кыла бергиле деп тим койсом бекен" - деп ойлосо да ага бир ойу каршы болуп: "ал сенин душманың, эл-жериңден азып тосгонго ошолор гана күнөөлүү, алардан өч алышың керек!" - деп туруп алды.

Атабекти Айымгүлдү издеп жоону көздөй өзү жалгыз келе жатканда кармап колу-бутун байлап алып келишти. Аны Жандар Айымгүлдөр турган боз үйдөн алыс үңкүргө киргизип жигиттери кабар кылганда гана барды:

- Иий баатыр, кандай жүрөсүңөр, Айымгүл кандай жүрөт, кабарлашпай кеттиңер, ал-абалыңарды билмекке алдырдым минтип, - деп кергиштей сүйлөдү.

- -Айымгүлдү силер алып кетипсиңер, - бурк этти Атабек.

- Калп! - Жандар камчы менен басып-басып жиберди, - сен менин кызыма теңмин деп жүрөсүңбү күчүк, эгер ошол кызымды таап менин маңдайыма алып келбесең мууздап этиңди итке салам!

- Мен күчүк эмесмин, жолборсмун! - Атабек тике карап туруп айтты.

- Эх-хе жолборсмун дечи, бу өкмөт сага жолборстун жүрөгүн салып койгон го?! - кекээрлей чачына кармап башын чалкалата артка тартты, "ит кутурса ээсин кабат, кул кутурса башыңа чыгат" дегендей, жугундумду ичип чоңойгон күчүк кызымды жетелей качат деген эмне шумдук! Мен сага кыз ала качканды көрсөтөйүн! - деп тээп-тээп жиберди.

- Көрөм, Айымгүлдөн түк ажырабайм, эгер мени өлтүрүп койсоңор ал менден эч качан калбайт!

- Бас жаагыңды, баччагар! - Жандар жаалы күчөп камчы үйрүп барып токтоду, - Сендей баасыз кул үчүн менин кызым өз жанын кыйгыдай акылсыз эмес, аны сен гана азгырып жатасың!

- Жок, мен эмес, сүйүү азгырды, биз бири-бирибизди сүйөбүз! - Жалтанбай баш көтөрө Жандардын көзүнө тике карады.

Жандар анын көзүнөн жалтана түштү; "капырай, чын эле бу балада жолборстун сүрү бар экен, кой, бул бир кудайдын жараткан көк жалы тура", - деп терс бурулуп кетти. Өзү чыгып баратып кайтарып турган үч жигитинин бирин калтырды да үчөө боз үйгө жөнөштү. Анын келээри менен Айымгүл алдына тосо чыгып:

- Ата, атакебай, мени жеткириңиз, мени издеп Атабек куурагандыр, мени балам десеңиз мени андан ажырата көрбөңүз, ансыз мен жашай албайм! - деп аттан түшүрбөй үзөңгүгө жармашты. Үйдүн босогосунда көзүнүн жашын салаалата Ажар турду.

- Токтот! - Жандар ачуулуу тизгинди кага Айымгүлдүн колун үзөңгүдөн чыгара түрттү, - Атабек алда качан өлгөн, үмүтүңдү үз андан, эч жакка барбайсың! - деп казыкты көздөй бастырып барып аттан түштү. Айымгүл турган ордунда селдейе туруп калды да "Аа-аа!" - деп ачуу кыйкырып алып күңк этип кулап түштү. Ачуу айкырыкты уккан Жандар селт эте артын карады эле Ажар Айымгүлдү чыркырай башын кучактап алган экен. Атын казыкка байлап жаткан Жандар эки этегин делбектете жүгүрүп келе жатат, бирок кызы менен аялына жете албай эси эки болду. Ушул эки аттамдык аралыкта ал көп нерсени ойлоп жиберди: "ботом эмне дээр экен деп эле айта койбодум беле чунак кыз, мынчалык болуп кетээрин ким билди", Сүйүү… сүйүү… көрсө Атабектин айтканы туура турбайбы, бири үчүн өлүмдөн кайра тартпайт экен да! Жетип келсе уулу Үмөтаалы чыныга суу алып келип бетине суу сээп жаткан экен.

- Ай кемпир, эмне болуп кетти? - Жандар ушул учурда өмүр бойу бечаралык менен күн көрүп келген момун адамдын кейпин кийип мууну калчылдай, үнү калтаарып турду, - чунак кызды мен мынчалык болот деп кайдан ойлодум…

Ажар үнсүз гана көзүн ачпай алдында сулк жаткан кызынын чачынан сылай жашы бетин жууй нес болуп отура берди.

- Ата, эжемдин жашоосуна кийлигишпей тим койбойт белеңиз, өлүп калса эмне болот? - Үмөтаалы кабагын чытый жер карады, эркек таналык кылып ыйлабай кайраттуу турганына Жандар ичи жылый түшүп Айымгүлдүн кыймылга келгенин көрүп:

- Кызым, көзүңдү аччы садага, кудай өзү кечирсин, зарлаган күндөрдү унуткан экемин көрсө, мен кайратымдан, ырайымдан кайттым, эртең айылга түшөйүн, малды өкмөткө өткөрүп берип уулумду комсомолго өткөрөйүн… - Жандар эмне деп айтканын баамдабай сүйлөй берди. Көптө-өө барып көзүн ачкан Айымгүл:

- Атабек, Атабек кана, мен Атабектен калбайм, мени жашагым келбейт, өз атаңа караганда тааныбаган адам деле жарым жылдан ашык карап, күтүп отурат, - деди алсыз.

- Атаңды кечир кызым, Атабегиң тирүү, - эсине келе жигиттерин жиберди, - Тур тигини алып келгиле!

- Лаппай, - эки жигит бооруна колун ала жүгүнүп жөнөштү.

- Атабек, Атабек биердеби? - Айымгүл баш көтөрө өйдө болмок болгондо Ажар колтуктай тургузду.

- Акырын кызым, өзүңдү кармап жүр, ичиңдеги балага зыяны тийбесин, жакында эне болосуң, кызым, - аста жетелей боз үйгө киришти.

- Атабек бияктабы дейм, ата? - Айымгүл артына карап дагы сурады.

- Азыр келет, кызым, алты саны аман, азыр алып келишет! - Жандар башын жерге сала күңкүлдөй сүйлөдү.

- Оо кудай, ушундай залим атадан төрөлбөй калсам эмне, андан көрө бир кедейдин кызы болсом ач жылаңач болсом да эркин болбойт белем?! - Айымгүл дагы бетин баса бакырып ыйлап ийди. - Байлыгың курусун сенин ата, байлык башка түшкөн азап да, ушу малыңдан, бийлигиңден эмне таптың атакебай, тоо-ташта көчүп конуп качкын болгуча элдин ичинде жүзүң жарык жүрүп өтсөң эмне?!

Жандардын башы жерге шылк этте түштү: "Аттиң, өз баламдан ушуну укмак белем?" - деп үңкүйө отуруп калды. Ажар үн дебеди, ал күйөөсүнө өйдө карап кайым айтпай көнгөн эле. Бир кезде бети-башы канжалаган Атабекти жетелеп экөө келип калды. Аны Айымгүл жүгүрүп жетип кучактап, ыйлап атты.

- Кызым, акылсыз атаңды кечир, ушунча эл башкарып жүргөн белдүү, эрктүү, кайраттуу да, каардуу жан элем, сенин алдыңда өзүмдү алсыз сезип олтурам: баланын уусу, балы аралаш болоорун сезбепмин… - Жигиттерине карады, -Атабекти жуундуруп, кийиндирип үйгө киргизгиле! - ойлуу. - Кызым, мен да сени Атабектей сүйө албайм.

- Лаппай бийим, - Атабек алар менен кошо ары басты. Айымгүл атасына ыраазы болуп кучактап өөп:

- Ыраазымын ата, кайрат-күчүңдөн мен деп майтарылбадың, адамдык касиетиңиздин бийиктиги, каарданганды билген адам мээрим төккөндү да унутпаш керек, эми мен бактылуумун! Ата-апа силер бар, ырысым бар! - кубанычтуу босого тарапты карады. Ажар сандыгынан жаңы кийим алып сыртка чыкты. Бир топтон кийин чыкыя кийинген Атабек төрдөн орун алды. Бети-башы жарылган жери шишип, бүткөн бойу ооруп турганына кайыл боло: "акыры кечирди, беттешип алдык, эми жакшы болду, болоору болуп, бойоосу канды, Айымгүлдү укпай койбойт, айылга көчүрүп барыш керек", - деп ойлонуп отурду.

Жандар конок камы үчүн ирик сойуп күйөө баласын коноктогону буйрук берди… "Акыры келип эшигимдеги томаякты төрүмө чыгарып сый көрсөтчү күнгө туш болдум, арга канча, кызымдын көңүлү, тирүүлүк бир келет, көзүмдүн кареги жалгыз кызымды жер каратпайын, балалуу болгону калыптыр, бактылуу болсо болду", - деп улам-улам ойлорун бир жерге топтой албай бир кездеги томаякка баш ийгиси келбей өзүнүн бийлигин карматкысы келбейт, бирок заман өзгөрүлүп ак падышанын кулаганынан кийин шаабай сууган өзү өңдүүлөрдү көрүп ындыны өчүп турат. Кыз-күйөөнү коноктоп, эки-үч сыйра төшөнчү, кийим-кече, алтын-күмүштөн берип эртеси узатты. Алар айылга жетип Бекей эненин үйүнө шатыра-шатман түшүшүп, коңшу-колоңду чакырып бышкан этти ооз тийгизип атышты. Айымгүл атасы берген алтындарын Атабек менен кеңешип эч кимге айтышпады: "Өзүбүзгө жер алсак үй салабыз", - дешип катып алышты. Жандардын өкмөткө мал-жанын өткөрүп айылга көчүп барганы жатканын уккан басмачы болуп башын өлүмгө байлагандар түн катып жетип келишти:

- Ээ-э Жандар бай, бу сизди уруят заманын кош колдоп тосуп кубаттап жатат деп уктук го, бу кандай?

- Баатырлар, жашым улгайып калганда жалгыз уулумду кашыма алып эл ичинде болойун дедим, эл мазар, элден чыккан азар дейт, туугандар, мага капа болбогула, - Жандар аттан түшпөй кекээрленген төрт атчанды карай алакан жайды, - мен өзүм дагы оорукчан болуп калдым, келгиле түшкүлө аттан, - деп алдыдагы кара сакалдын атын чылбырдан кармады.

- Жок, аттан түшчү убакыт жок, бек тезирээк келгиле, ачык жообун ала келгиле деген, сиздин жообуңузду уктук, кеттик! - Жандардын үйгө киргиле дегенин укпай аттарын мойунга чаап жүрүп кетишти. Иштин жаман экенин Жандар сезди, түндөп үйбүлөсүн айылга жеткирди да өзү бир үй менен тоодо калып: "Өлтүрсө мени өлтүрсүн, балдарым аман калсын", - деген ойдо бир аз алтын менен малын да айдатып койчусун кетирди: "буларды сөзсүз Атабекке бергиле, мен эртең барам. Ажарга ишенишпей аңтарып таап алышат, тапкан-катканым талаада калбай балдарымда калсын, бирок өкмөткө алтындын четин билдирбесин, бул өзүңө, көзүм жазгырылып кетсе аларга зыяным тийиши мүмкүн, бекем катып жакшылап катып алышсын? Көзүңө кара, алтынга азгырылып алтындан көп алып калсаң сени менин койчум экениңди билип бөөдө өлөсүң", - деп катуу айтты да өзү боз үйдүн чамгарагын карап белгисиз түн катып келчү ажалды күтүп атты. Бирок ал күнү, анын эртеси да келбеди. Көңүлү жайланган Жандар үчүнчү күнү айылга түшүп келди да, түз эле конторго түштү. Атабек кагазга үңүлүп жаңыдан тамга таанып окуй баштаганга кубанып да, эл жүгүн аркалаганга ыраазы болуп: "Эми ата-энемди таап жакшы жаңылыкты айтып кубантып үйгө алып келейин, алар кантти экен", - деп ойлоп аткан эле.

Кудайкул келгенден тыным албай кой кайтарып колу бошой калса, короо тазалап жаны тынбай эс алууга чолосу тийбей уулу Атабектен кабар жок, жоголгонуна жүрөгү сыздап же издештиргенге алы жетпей эптеп күн көрүүдө. Зире экөө кечинде кепесине келгенде гана жүрөк өйүгөн суроолорун бири-бирине берип күңкүлдөп калат.

- Чал, Атабегиң эмне күндү көрүп жүрдү экен ыя, жараткан алла ошол жаман уулубуздун өмүрүн узун кылса экен, - Зире наалый кетти.

- Арга жок кемпир, экөөбүздүн колубуздан келсе да качан эле ойдогубузду жасабайт белек, кудай эле жар болсун, алланын өз эрки, тирүү пенденин тагдыры алланын колунда эмеспи, - Кудайкул шуу үшкүрүп алды.

Зире колунан баары келген уздугунан байдын жумушу бүткөндөн кийин белгилүү аттуу-баштуу байлардын кызынын себин, дагы толгон токой жасалгаларын чакыруу менен барып жасай баштаган. Мурункуга караганда ал көз тайгылткан жакшы жасалгаларды жасаганы үчүн эмгек акысы үчүн кээде кой, козу, улак алып кичине мал күтө баштады. Ушул таптагы чаң тополоң түшкөн заман башталганын уккандан бери Ашым кол алдындагы кул-кутанына каарданганын койуп: "Бу балекеттериң эркиндик заман келди дешип кетип калып жүрбөсүн" - деген ойдо акыларын да жакшылап берип, тамак-ашына жакшылап карай баштаган. Ошондуктан кичинекей кепеде өз менчик күтүп, бирок өзүнүн койун кайтарып кирди-чыкты жумуштарын жасап жүргөн Кудайкулга эч нерсе дебеди. Бир күнү алардын айылында да элди топтоп бай-Манаттардын малын ортого өз эрки менен өткөрүп бербесе кулакка тартылаарын жарыя кылган жыйын болду. Ашым алардын жыйынында эч каршылыгы жок биринчилерден болуп өкмөткө кошулуп мал-мүлкүнүн көбүн эселеп өткөрүп берди. "Буйруган жашоону жакшы эле жашадым, элден чыкпайын, ак падыша тактан кулагандан кийин менин колумдан эмне келмек" - деп ойлоп тынч жашоону каалады. Жыйында Атабек да бар эле, ал айылда тирикарак жаштарды мүчөлүккө кабыл алышып Муса деген кедей жетим баланы пристатил кылып шайлады. Эл ичинде Кудайкул жок эле, ал баласы Атабектин кийин келгенин укту: "Оо жараткан ушунуңа шүгүр, жалгызым аман экен ээ, элдин алды болбосо жок, узун жаны эсен болсо болду" - деп ичинен миң мертебе жаратканга ыраазы болуп турду. Ашымдын эч каршылыгы жок эле биринчилерден болуп катталып, малын өзү айдатып бергенине эл абдан ыраазы болуп аңыз кеп кылып атышты.

Атабек өз ичинен ойлоп: "мынча алтындын бизге эмне кереги бар? Айымгүлгө айтып ченеп алып калалы да, калганын өкмөткө берели" - деп ойлоп үйгө келгенде ал ооруксунуп отурган экен, Бекей эне болсо кайдадыр жоголуп кетиптир.

- Айым, сага эмне болду, бир жериң ооруп жатабы? - үйрүлүп түшө калды.

- Жок-жок, бир аз белим ооруп турат, - кызарып-татарган Айымгүл зорго жооп берди. Атабек сыртка жүгүрүп чыгып эки-үч коңшу аялдарды ээрчитип келди. Алар шашып эле төшөк салып келинди жаткырып алып эки жагына эки баканды койуп колуна карматты.

- Коркпо кызым, адамдан-адам чыгыш оңойбу, ушинтип алтымыш тамырың бошоп, көзүңдүн кареги жарылып анан төрөйсүң, Манас атанын арбагы колдоп жети атага чейин айтылып жүрө турган уул таап ал! - деген Сатымбү, - ыйын, кагылайын ыйын! - деп күйпөлөктөп атты. Жанында дагы экөө жүрөт, бирөө башында улам чекесине суу басып, бириси дагы колдорун бакандан бошоп кетсе карматып жатат. Бир кезде: "Аа-аа!", - деген Айымгүлдүн үнүн уккан Атабек сырттан баш бакты эле:

- Койо тур балам, али быша элек, андан көрө сен өйдөңкү айылдагы бакшы кемпирди алып келе кал!

- Макул, - Атабек атына минип жөнөп кетти. Эки аял ары-бери ырым-жырымдарын жасап жатып бир кезде кара терге түшкөн келин дагы бир жолу: "Апа-аа!", - деп ачуу үн чыгарып ийгенде: "ба-аа", - деген баланын үнү үйдүн ичине толуп, келин шалдайып жатып калды.

- Мына кызым, уул таптың, кадимки баатыр болчу уул экен! - деген Сатымбү баланын киндигин кесип жоолукка орой салды да Айымгүлдүн колтугуна жаткырды. Бул кезде Айымгүл өзүн кайдадыр караңгылыкка сиңип бараткандай көзү караңгылап эч нерсени сезбей жаткан эле, эки жагын кара тону түшө элегинен корккон үч аял анын бетине суу сээп бириси арча түтөтүп жатканда бакшы кемпирдин үнү сырттан чыгып калды:

- Ээй шүмшүк, ташта колуңдагыны, чачыңдан сенин албасам, өрттөп сени тынбасам! - деп үйгө кирип келгенде аны караган үч аял ары боло беришти. Наристе болсо тынбай "ыңа-аа, ыңа-аа", - деп түндү жарып бакырып жатты. Атабек наристенин үнүн угуп кубанып үйгө киргенден тартынып сыртта калып калды: "Кудайга шүгүр, аман-эсен төрөп алды, эркек окшойт", - деп ары-бери баса кулагын түрөт.

Бакшы кемпир келинди айлана камчысын ары-бери булгап кээде жерди сабап жатып:

- Экинчи жолобо дебедим беле, жогол бул айылдан, дагы көрө турган болсом отко куйкалап өлтүрөм! - деп босогого чейин жерди сабап барып бери кайрылганда Айымгүлгө жан кирди. Онтоп ары-бери башын кыймылдатып:

- Балам, балам тирүүбү? - деди көптөн кийин.

- Уулуң жаныңда кызым, көзүңдү ач, баары өттү, эми коркунуч жок, бул үй кара басып төрөгөн аялдыкы тура, төрөөрдө башка жакка кетип калсаңар болмок экен. - Бакшы кемпир сыртты карады.

- Уулум кире бер эми, уулуң менен келинчегиңди көр.

- Мен Айымгүлгө алда качан айтканмын, Бекей байкуш мага айт дегенинен айтсам болбой койушту.

- Бекей энем сизге өзү айтты беле? - Айымгүл алсыз башын бура коңшу кемпирди карады.

- Ооба кызым, ал коркконунан кетип калды, мен биерде болсом да балекет болбосун, кесирим тийбесин деп атайы кеткен.

- Аа-а бечара, туура кылган экен, антпесе дагы оор болмок, - Бакшы кемпир ойлуу ордунан турду, - мейли балдарым эми мен кетейин, уулуңардын өмүрү узун, келечеги кең, ата-энесинин маңдайында аман жүрсүн, оомийин!

- Айтканыңыз келсин эне, - Атабек менен Айымгүл жарыша ыраазылыгын билдирип узатып койушту. Айымгүл жанында бойтойуп уктап жаткан наристени аста искеп койду. Атабек болсо аялдардан иймене жанына бара албады. Улуулардын көзүнчө балага үйрүлүп түшө калуу жат көрүнүш эле ошол мезгилде. Ал ошондон иймене сыртка чыгып чай кайнатты, Айымгүл жасаган тамакты ысытты. Аңгыча төрөгөн келиндин тонун түшүрүп болуп жылуулап жаап койуп үч аял кобурашып отуруп калышты эле, аларга чай койуп тамак берди. Айымгүлгө ысык чайдан күчтөп ичиришти:

- Ысык-ысык бирдеме ичпесең болбойт кызым, жаш төрөгөн аял ысык ичип тердебесе оорукчан болуп калат.

- Оозуңду жаап, белиңди жылуула, айланайын, төрөттөн жакшылап өзүңдү карабасаң тиштериң бошоп түшүп калат, белиң катпай калса катуу ишке жарабай каласың.

- Рахмат апалар, сиздерге да кудай кубат берсин, - деген Атабек ойлонуп, - Бакшы энеге чай бере албай калдык, эртең аны чакырып койбосок болбойт.

- Ошенткиле айланайын, ал бул айылды эң кадырлуу адамы. Жашы сексенден ашып калса да күлүү, ал таарынбайт деле, бирок батасын алгыла!

- Ооба-ооба, бата менен эл көгөрөт деген балам, өзүң да элдин ишин аркалап жүрөсүң. Алар көпкө отуруп үйүнө кетишти. Ошондо гана Атабек келинчегинин жанына келип:

- Ыраазымын жаным, уулуң экөөңдү тең бул жарык дүйнөгө келгениңер үчүн куттуктайм! - экөөнү алмак-салмак өөп койду.

- Ал эмне дегениң, Атабек? - Айымгүл күйөөсүн суроолуу карады.

- Албы, мм ал сенин аман-эсен уулуңду колтугуңа кысып маңдайыма турганыңар, ырысыбыз бар экен, Бекей эне кайда кетти экен бечара?

- Байкуш киши, өзү айта алган эмес тура, чын эле кудай бир сактады ээ? - Айымгүл көздөрүн жалжылдата Атабекти карады, - А кокус өлүп калсам…

- Антип айта көрбө Айым, кудайдан силердин амандыгыңарды тилейм! - Эңкейип келинчегинин эки бетинен өөп, - Жаман ойду ойлобой жүр да, андан көрө апама барып сүйүнчүлөп койон.

- Апамды кечээ эле алдырып алсам болмок экен.

- Эми да кеч эмес, - Атабек кабагын бүркөй ойлуу туруп калды.

- Эмне болду, эмнеге санааркай түштүң, Атабек?

- Ушул күндө апам менен атам болгондо кандай гана кубанышаар эле, аларды эми жакшылап издебесем болбойт!

- Макул, аларды таап кел, анан сүйлөшөбүз.

- Эртең сенин апаңа барып айтам да, анан тиги коңшу айылды тинтем.

- Ошент, бала менен мен да кыйналып калам, алар келсе мага жардам берип баланы карашат эле.

Ошентип аман-эсен көз жарып уулун кайра-кайра карап, жыттаган эки жаш ал түнү көпкө ойгоо жатышты.

Эртеси таң заардан турган Атабек чай кайнатып Айымгүлгө берип, уктап жаткан наристени карап ууртунан жыттап-жыттап алды да:

- Жаным, эми эптеп уулуң экөөң жата бергиле, мен апам менен Үмөтаалыны жөнөтүп койуп, атам менен апамды издеп таап алып келем, - деди да Айымгүлдү эки бетинен өөп койуп сыртка чыкты.

Атабек келгенде Ажар Жандардын сөөгүн кучактай боздоп ыйлап отурган болчу. Атабек эмне дээрин билбей элдин ичинен Үмөтаалыны издегени менен көрө албады. Окуя мындай болгон эле. Жандар тоодогу боз үйдө жанкечтилерди күтүп үч күн эч жакка жылбай жатты. Алар келбегенден кийин ал боз үйдүн эшигин жаап койуп айылга түшкөн болчу. Ажар күйөөсү келгенде уулуна козу сойдуруп, козу сойуп коноктоп анан жатып калышкан. Түн бир оокумда тапыраган беш-алты атчан келишти да уйкуда жаткан Жандарды сүйрөп чыгышты:

- Эй саткын, сен бизден оңой кутулам дедиңби, кана каткан алтындарың? - деп сабай башташты.

- Менде эч кандай алтын жок, болгону мал-кал бар болчу, мени өлтүрсөңөр өлтүргүлө, бала-чакама тийбегиле! - деп жатты Жандар жалынып-жалбарып.

- Сен каткан алтыныңды айтпасаң үйбүлөңдү кырып жок кылабыз! - Ушул кезде Жандар:

- Токтой тургулачы, - деди да: "булар менин жок дегениме ишенишпейт, андан көрө калган алтынды берип үйбүлөмдү сактап калайын", - деп ойлоп, - Өзүм алып берем, бир аз алтыным бар эле, - деп үйгө кирип атайы белендеп койгон баштыктагы алтынды алып чыкты.

- Ушул элеби? - көзүнөн чаарын чыгара бакырган кара сакал баштыкты алды да жанындагыларга буйра сүйлөдү, - Үйүн бүт тинткиле! -Топурап келгендер үйдү чачып баарын аңтарышса да эч нерсе таппай кайра чыгышты. Ажардын аларга жалынып-жалбарып көзүнүн жашын көлдөткөнүнө карабады:

- Айланайындар, жанын койгула, баарын алсаңар да күйөөмдү өлтүрө көрбөгүлө?! - деп кара сакалдын үзөңгүсүнө жармашканда буту менен тээп жиберди.

- Болгула, убакыт аз, таң атып кете электе бел ашып кетишибиз керек, тигини жайлап салгыла да баласын буту-колун байлап атка артып койгула, - деп үзөңгүсүн темине ары бастырганда Жандарды бири келип үч жолу атты да качып бараткан Үмөтаалыны кармап атка өңөрдү.

- Оо кудай, бул эмне кылганыңар, жалгызымды таштап кеткиле, бала-чакаңардан айланайындар, уулумду таштагыла! - атчандардын артынан жүгүрүп бараткан Ажарды атып жибергенде бутка тийип көмөлөнүп түшүп эсин жоготуп койду. Көзүн ачып мылтыктын үнүнөн алда качан ойгонуп алып арачалоого даабай турган айыл эли атчандар кеткенден кийин чогулуп өзүн тегеректеп турган элди көрүп ордунан турайын деп бутунун зыркырап ооруганын сезе бакырып алды:

- Айланайындар, уулумду алып кетишти, уулумду!

- Ажар, эстүү жансың, айла канча, биздин колдон эч нерсе келбейт эмеспи, тиги жерде Жандардын өлүгүн эптеп жайгаралы, анан биздин балдар уулуңду издешет, - дешип анын көңүлүн жайгарып айтышкан менен ар биринин көңүлүндө: "аны издейбиз деп биздин балдар балээге калбаса экен, байкуш Жандар өкмөткө өз ыктыяры менен өткөнү үчүн өлтүрүштү", - деп ойлогону менен өлүк камын көрүүгө камыныша башташты. Атабек дал ушул тушта келип Үмөтаалыны эл ичинен издеп аткан эле, көз жашы көлдөп безилдеген Ажар:

- Оо жараткан, уулумду кантем, эл-журт! - деген ал күйөөсүнүн өлгөнүнө ичтен күйгөнү менен уулуна биротоло кол жуугандай эмнени сүйлөп жатканын аңдабай сүйлөй берди, - Оо бийим, жалгызыбызды алып кетти, эмнеге жатасың, тур, Үмөтаалыны издейли, мен жалгызыман айрылып кантип басып жүрөм, оо кудай!!! - боздоп атып өйдө карай койуп маңдайында турган Атабекти көрүп, - Оо кагылайын Атабек, уулум жок, аны алып кетишти!

Атабек жетип барып кайненесин кучактап ыйлап жиберди:

- Кайрат кылыңыз апа, Үмөтаалыны өзүм таап келем, алар кайда кетишти?

- Бул жакка, таң аткыча бел ашып кетели деп аткан, эмдигиче кетип калышты го?! - Ажар жаштуу көздөрүнөн үмүт оту жана Атабекти жалдырай карашты.

- Жерге житип кетишсе да табам! - элге кайрылды, - сиздер өлүктү өз расмиси менен жакшылап жашыра бергиле, биз кеттик! - Атабек аялынын төрөгөнүн айтмакка келгени эсинен чыга дароо конторго келди да, комсомолдордон куралган куралдуу ончакты жигиттерди алып, Ажар көрсөткөн жакка ылдамдай жөнөштү. Жандардын өлгөнүн уккан Кудайкул жөө-жалаң аялы Зире экөө барып көз көрсөтүүгө жөнөгөн эле, алдынан топ атчан көрүнгөндө коркконунан таштын артына бекинип калышты. Булар Атабектер эле. Өтө бергенде Зире үндөрдүн артынан тааныш үндү угуп:

- Токто, токтой тургула! - деп өзүнүн бекинип турган жеринен тура калып жүгүрүп жөнөдү. Кудайкул эч нерсе түшүнбөй отурган жеринде делдейди:

- Зире, Зире сен кайда, алар басмачылар болсо өлтүрүп койушат! - Анын айтканын укпай Зире чалынып-чулунуп баратты. Артына бурулган атчандардын бири:

- Токтогулачы, бир аял келатат, - деп токтогондо калгандары да токтоп калды.

- Айланайындар, токтогулачы! Атабек деген барбы араңарда? - деп жетип келгенде Атабек аттан түшө калып Зирени кучактап калды. Эне-бала бир топко кучакташып ыйлап турганда Кудайкул да жетип:

- Уулум-мм, - деп кемшиңдей кучак жайып көзүнүн жашы бетин жууп аялы менен уулун кучактап калды. Аларды берки атчандар таңдана карап калышты.

- Апа, атаке! - Атабек ата-энесин алмак-салмак өпкүлөп ыйлап турду. Баланын эне-атага болгон сүйүүсүнөн кылымдар бойу кыймылсыз турган таш эрип, агып жаткан суу токтоп, көктөгү күн мээримин төгүп, төбөдө жаркырайт.

- Уулум, кагылайын берекем менин, деги аман көрөөр күнүм болот экен ээ? - Зире көзүнүн жашын жоолук учу менен аарчып уулун элжирей мээрим төгө карап турду.

- Кана уулум, кандай деги - иштериң, келинчегиң жакшыбы? - Кудайкул суроолуу карады.

- Баары жакшы, ата. Бир эле санаам силер болуп дарегиңерди дайыныңарды билбей кыжаалат болуп жүргөм, мына эми бирге болобуз кудай буйруса! Баса, келиниңер кечээ күнү эле төрөдү, уул!

- Жандарды өлтүрүп кетиптир дейби?

- Ата, апа, сүйлөшүп отурганга убакыт тар, ошону өлтүргөндөр баласын алып кетиптир, ошонун артынан баратабыз.

- Деги Жандар силерди кечирди беле, балам? - Зире уулуна тынчсыздана карады, - Алардын артынан барбай эле койсоң болбойт беле? - деп анан уулунун бетинен өөп: - кут болсун, уулум, ата болупсуң да?

- Коркпогула, ата, пешенеге жазганды көрөөрмүн, өкмөттүн мойунга таккан милдети басмачылар менен күрөшүү, силер аякка барбай эле койгула, Ажар энем биздикине барат, ошондо жолугасыңар, дарегиңерди айтсаңар өзүм таап барып алып кетем, - деген Атабек шаша аттанып, ата-энеси менен коштошо жүрүп кетти.

- Кудай колдоп душманыңарды жеңип, көздөгөн максатыңарга жеткиле балам, оомийин! - Экөө алакан жая бата берип кала беришти.

Атабектер аттарын чаап отурушуп жайлоого жете келишти. Эки-экиден бөлүнүп, кокту-колотту карап атышып, Атабек дүрбүсү менен тээ алыстан созулган түтүн чыгып жатканын көрөт. Белги берип ар тараптан чогулуп келип коктуну бирден карап туруп:

- Балдар, биз түндөп аларга жакындап барып Үмөтаалыны алып качышыбыз керек, эгер атышып калса жооп кайтарууга туура келет, - деди Атабек.

- Алар оңой жоо эмес, этиет болушубуз керек, - деди Исламбек.

- Туура, сак бололу, биздин максат Үмөтаалыны бошотуу, эптеп анын кай жерде экенин, кантип куткаруу керектигин билип алсак андан ары дагы көрөбүз.

Түндөп жол баштаган Атабек күндүзү түтүн чыгып жаткан жерди болжолдоп баратты. Бир кезде аттын бышкырыгы, адамдардын кобуру угулуп, аттан түшүп Атабек караган аралай кетип атып тык токтоду. Отту чоң жагып койуп бир койдун этин асып алып тегеректеп отургандар өздөрүнчө кобурап атышты:

- Тиги күчүктүн бизге эмне кереги бар, же ал күчүк атасынын алтынынын кайда экенин билбесе, жүк кылып жүрбөй эле көзүн тазалап салбайлыбы? - Бириси четте үңкүйүп отурган сөлөкөтү чоң лөкүйгөн сакал-муруту калың кишини карады.

- Чынында жүк болот, пайдасы да жок, ансыз да күнөөбүз чоң, өлтүрүп эмне кылабыз, андан көрө кайда барсаң айда бар деп бошотуп ийбейлиби, ансыз да ээн, бөрүсү көп талаада чөөлөргө жем болот.

- Өзүбүз эптеп кетип атып ал күчүктүн азабын тартпай бир жаңсыл кылалы, кыйнабай эле атып салам! - Бириси мылтыгын ала койуп Үмөтаалыны көздөй басты.

- Абалар, мени өлтүрө көрбөгүлө, чынында атамдын алтыны бар экенин билбейм, ал жөнүндө мага айткан да эмес… - бала жалдырап ыйлап ийди. Атабек окуянын кай жакка бурулаарын билбей карап турду. Анын колунда мылтык: "Эгер атууга камынса аны мен атып таштайм" деген ойдо даяр. Бирок алардын башчысы:

- Тим кой, жашай берсин… - деп койду үңкүйүп отурган бойдон.

Ошол бойдон Үмөтаалы менен эч кимисинин иши да жок болуп калды көрүнөт, беш-алтоо тамактанып алып ээр-токумдарын баштарына жаздап, көрпөчөлөрүн төшөнүштү да жатып алышты. Атабек алардын кыймыл-аракеттерин көздөп отуруп үргүлөп кетиптир, ойгонуп жыла басып барып баланы чечип алайын дегенде ал чоочуп кетти. Оозун баса калган Атабек:

- Акырын, үнүңдү чыгарсаң тигилер ойгонуп кетишет, сени бошоткону артыңдан келгенбиз, мен Атабекмин, - деп шыбыраганда үндөбөй калды. Аны бошотуп алып шырт алдырбай жөнөп тез эле атын тушап койгон жерге келсе ат оттоп турган экен, Үмөтаалыны артына учкаштырды да шериктерине жете келди. Аны көргөн шериктери:

- Оо-ой баатыр, жолдош Атабек Кудайкулович, сиз жөн эле мышыктан да сак, илбирстен илгир болуп кеткенсиз го, кечигип калганыңыздан барсакпы деп жаттык эле…

- Балдар, тезирээк жөнөбөсөк биздин Үмөтаалыны бошотуп кеткенибизди билсе кууп келиши мүмкүн, бирок алар бул өрөөндөн чыгып кеткени жатышат, эмнеси болсо да эртелеп жолубузга түшүп изибизди суутпасак болбойт.

- Токтоп туруунун кажетти жок, көздөн далда жогололу. Даяр турган жигиттердин кээ бири эрдемсип душман менен согушпай кетип жатканына ичтен өкүнсө кээси: "жакшы болду аман-эсен кайттык, кимибизди ажал тооруйт деп коркуп аттым эле", - кубанып кетип атышты. Атабек Үмөтаалыны учкачтырган бойдон туура эле Жандардын үйүнө өкүрүп түштү. Ажар уулунун аман-эсен келгенине сүйүнүп бир жактан күйөөсү Жандардын өлгөнүнө ичи кайышса да тобо кылып алды. Ызат-сый кылып өлүк көмүү каадасы бүткөндөн кийин Атабек:

- Апа, мен эми үйгө барайын, Айым жаш төрөгөн эле, мен сүйүнчүлөгөнү келип ушул ишке туш болдум, - деди жер карай.

- Ий-ии кагылайын, аман төрөп алып жакшы болгон тура, уулбу же кызбы? - Ажар күйпөлөктөй сурады.

- Уул, - Атабек уялгандай жылмайды.

- Болсун балам, уулуңдун жаны аман, ырыс кешиктүү болсун!

Ажар сандыгын ача аңтарып Айымга деген белектери менен катып жүргөн баалуу маталарын алып бууп-түйүп Атабекке берди, - буларды ал балам, сүйүнчүңө өзүңө күрмө шым тиктирип ал, Айым өзүнө көйнөк тиктирип алсын!

- Тим эле койсоңуз… - Атабек саал тартына кайын энесинен ыйбаа кылып, - Өзүңүз барганда алып барат элеңиз да, - деди.

- Ошол кантип болсун балам, жаңы көз чоңойо берсин, мен жакында бара албайм го, тоодой-таштай атаңар өлүп атса айылчылап кетсем болбойт.

- Аныңыз туура, биз өзүбүз атам менен апамды ээрчитип келип кетебиз.

- Оой кокуй күн, Айым тыңымайынча келбей эле койгула, өлчү атасы өлдү, денсоолугуна карасын.

- Мейли анда, атамдар келип кетет.

- Ошент айланайын, Айымды кыйнап койбогула, жакшылап тыңысын.

- Анда жакшы тургула, мен кетейин, - Атабек Үмөтаалыга карады, - Сен эми чоңойдуң, апамды жакшы кара, өзүңө сак бол! - деп аттанып кетти.

Айымгүл бул убакта Атабектин кечиккенине кабатырланып жол карап Бекей энеге баланы берип өзү улам кирип чыгып жатты. Эртеси эле Кудайкул менен Зире ээрчишип келип кетишти. Аларды көргөн Айымгүл ыйбаа кыла үйгө кирип кетти:

- Эне, Атабектин ата-энеси келатат, эмне кылам? - деп Бекей энени карады эле ал баланы жаткырып койуп:

- Балам, эмне кылмак элең, жүгүнүп кайната-кайненеңдин батасын ал, мен тосуп келейин, - деп сыртка чыгып алардын алдынан тосту.

- Келгиле коноктор, келиниңер менен неберени көргөнү келатасыңар го, үйгө киргиле, - деп баштап кирди. Алар киргенде жоолугун алдыга салынып жүгүнүп атты.

- Бай бол садага, алганың менен тең карып артыңды мал, алдыңды бала бассын, кармашкан колуңар ажырабай жалгызыма жөлөк болуп, ак жолтой жар бол! - Зире кубанычын жашыра албай ыйлап ийди, келининин жүзүндөгү жоолугун ала эки бетинен өөп, - көп жаша, эч нерседен кем болбогула! - деп анан төрдө жөрчөктө жаткан эки күндүк наристеге жүткүндү, - Айланып кетейин чүрпөм, ушуну көрсөткөн кудайга шүгүрчүлүк. Ээ жараткан, ушунуңа тобо! - али көзүнүн бири ачылып бири жумулган оозун чормоңдото эмчек издеген наристени колуна ала жыттап жатты. Кудайкул дагы алкап, алакан жая жүгүнүп жаткан келинине батасын берип Бекей энеге ырымы кылып көрүндүккө беш теңге карматты да, баланы эркелетип кубанычтан бирде ыйлап, бирде күлүп эзилип жаткан кемпирине жетип наристени колуна алды.

- Оо айланайын мурдуңдан, тукум улаарым, мөмөм менин, Манас атанын арбагы колдоп чыгаан уулдардан боло жүр, өмүрүң узун, келечегиң кең болсун, жыттоочум! - деп сакалына ылдый куйулган жашына ээ боло албай кобурай берди.

- Небереңерди, келиниңерди көрүп көңүлүңөр жайланды, эми жайланышып олтуруп чайга карагыла! - Бекей эне баятан бери кызыл эт балапанды алмак-салмак колдоруна алып эркелетип жаткан бактылуу жандарды карап өзүнүн ички өкүнүчүн, арман көз-жашынан чыгара нес болгондой тура берген экен, бир кезде селт эте чочуп эсине келе жашын аарчый тигилерге карады. - Кубанчыңарды кудай кут кылсын, кудай сүйгөн пенде экенсиңер, айланайын… - Бекей эне шуу үшкүрүнө ичтеги күйүтүн үйлөп алгандай унчукту.

- Ай-ай чал, экөөбүз небере менен алышып атып үй ээси менен учурашпай эле божурап атканыбызды кара, - деп Бекей энеге карады, - кандай курдаш мал-жан аман, денсоолукта турасыңбы? Атабегиме апа болуп, кыйын кезде калкалап алганыңызга ыраазыбыз, кудай тилегиңди берип бактылуу карылыкта өмүр сүр айланайын, - Зире Бекей энени кучактай көрүштү.

- Биз ыраазы, кудай ыраазы, ылайым кем болбо карындашым, - Кудайкул кемпирин коштоду.

- Ой чал, тиги куржундагыны алып келсең боло, - дегенде Айымгүл:

- Апа, аларды мен киргизип койдум, - деди иймене.

- Аа садага кетейин, андай оор нерсени көтөрбөй жүр, жаңы эле төрөсөң, жакшылап жаныбасаң оорукчан болуп каласың, жашашың керек, - Зире келинин аяй сүйлөдү.

- Мен деле айтып атам, Атабек кечиккенинен эле тынчы кетип жол карап сыртка кирип-чыгып атпайбы, - Бекей эне сөзгө кошулду

Бабырашып бир топко чейин отурушуп улам чукуранып жаткан наристеге жалынып-жалбарып койот Зире:

- Тигине бышык эт, чийки эт бар балам, биякка келгенден кийин кичине мал күтүп калдык эле, бир козу сойуп ала келдик, сени тыңытып уулумду багайын, ушу күндү көрдүм ээ жараткан! - жакасын кармай тобо келтирип койот улам.

- Ээ кемпир, бирөөгө пайдадан башка зыян кылбасак, кудай да калыстык кылат да.

Аңгыча Айымгүл куржундун бир көзүндөгү бышык этти табакка салып алып келди да ортого койду. Устукандан Атабекке жилик алып койуп анан Айымгүлгө кабырга менен төштү жылдырып:

- Кызым сен биздин кызыбыз да келинибиз да өзүңсүң, тигил күйөөдөгү эки кыз дагы укса келишет, бир жылдан ашык силердин дайыныңарды укпай жинди болуп кете жаздадык, алар бирөөнүн бүлөсү, Атабек экөөң биздин маңдайыбызда болуп өлсөк ызааттап көмөсүңөр!

- Койуңузчу апа, эми эле табышып отуруп өлүмдү айтпаңыз, уулуңардын урмат-сыйын көрүңүздөр… - Айымгүл ушул кезде ойлуу боло калып: "эми менин ата-энем келип калса", - деп босогону тиктей үмүттүү отуруп кайра селт эте өз ойунан өзү чоочуп алды: "атам өтө ажыкыс киши эмеспи, ушу кул менен бир дасторкондо кантип отуруп, кантип куда деп айтып сыйлашам", деп чатак чыгарбас бекен" - деген ойго термеле түштү.

- Айым, сага эмне болду, жылуу жатсаң боло, төрөгөнүңө үч күн болду, белиң катпай кыйналасың, ооруп турган жоксуңбу? - Бекей эне кабатырлана сурады.

- Жо-ок, жок ооруган деле жокмун, - Айымгүл кыңырыла калып жооп берди.

- Чай-пайды өзүбүз эле кайнатабыз, уулуңду эмиз айланайын, - Зире өздөрүнөн тартынып жата албасын сезди да баланы ага берди, - өз убагында эмизип турбасаң болбойт.

Айымгүл баланы алып ары карап эмизе баштады: "эмнеге Атабек кайда деп бир ооз да сурашпайт же жолугуп келишкенби, эгер буларга жолугуп үйдү таап берген болсо неге кечикти", - деп ойлоп сары-санаага бата берди. Кудайкул менен Зире дагы Жандардын өлгөнүн Айымгүл уга элек экенин өздөрүнчө сезип: "уга элек тура атасынын өлгөнүн, эми Атабек келгенден кийин угузуп алып барат" деген ойдо көздөрү менен сүйлөшүп атышты. Ала келишкен этти жеп отуруп Бекей эне сөздөн-сөз чыгып олтуруп өзүнүн тагдыры жөнүндө айтып кирди.

- Оо ал узун кеп, - деп баштады Бекей эне, - беш баланын улуусу элем. Шералынын беш баласы бар: эки кыз, үч уул. Бегимайды өтө эркелетип койушкан. Орто чарбасы менен дыйканчылык кылып жан баккан Шералынын аялы Күмүш өтө жоош, бирөөгө жаман айтпаган аял эле. Улуусу Бегайым он бешке караганда келин кылып алганы өз айылынан эле Жорош үйүнө аялы менен келип калды. Ал өзүнө окшогон адам. Баласы Беккул Бегимайды жактырып калып сөйкө салганы келишкен. Бегимай так секирип туруп алды. Анткени анын көңүлүнө жаккан жигити бар болчу, экөө эл көзүнөн далдоо жерде жолуга калып сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал убакта сүйдүм-күйдүм деп басып кетчү чанда боло турган, ата-эненин айтканы айткандай болчу. Бирок Бегимай эркелигине салып апасынын сөзүн укпай:

- Мен өзүм каалаганга чыгам, Жороштун баласы мага тең эмес! - деп туруп алды.

- Кызым, мени элге шерменде кылба, өзүбүзгө ылайык, өтө качкан байлыгыбыз жок, чааракерлик менен жашап келатабыз, сени бактылуу болсун деген эле тилегибиз, - Шералы кызына катуу айтпады.

- Бул кылыгың болбойт, кайсы кудай урган кыз ата-эненин сөзүн укпай тескери басып кетчү эле, андай болсо турпагыбызды түйүп беребиз, биротоло кайрылгыс болуп каалаган жагыңа кет! - апасы катуу тилдеди. Ошондо Бегимай көзүнүн жашын салаа-салаа кылып макул болгондой отуруп калды. Үч күндөн кийин ага сөйкө салып кийинки аптада кол менен алы кетишти. Жоолукту алдына жүзүн жаба салынып отурган келинге сырттан кирген өзүнүн сиңдиси акырын келип кулагына шыбырап кайра чыгып кетти. Ошондо Бегимай сыртка чыгып келүүгө суранып чыгып ажатканага карай басты эле алдынан Бообек чыга калып: -Бегимай жүр кеттик, мен сени биерге отургузбайм, бол эрте, - деп колдон ала шыбырай ары көздөй жетеледи. Кыз сүйгөнүн көрүп сүйүнгөнүнөн эч нерсени ойлобой кошо жүгүрдү. Бообек коңшу Кеңеш айылынан. Короодон чыгып атка өңөрдү да чү койуп тез эле үйүнө жетти. Бообек жалгыз бала болчу. Ата-энеси сүйүнүп-сүрдүгүп тосуп алышты. Көңүлү менен келген келин жадырап-жайнап көшөгөдө отурганда эртеси Беккулдун апасы келди да босого отуруп алып, алаканын бирин тескери бирин оң кылып алып бата берип:

- Оңбой кал Бегимай, этегиң канап бала күтпө, кара басып төрөгөн балаң турбасын, эгерим эки болбо, эл ичинде боз ала болуп жүрүп өт! - деди да этегин кагына чыгып кетти. Отурган аялдардын кээ бири эмне болуп кеткенине түшүнбөй, кээси бири-бирин карап беттерин чойуп калганда Бообектин апасы кирип келип:

- Каргышың кара башыңа, эмеле эшиктен кирген келинге эмне мындай кагыш айтып атасың, чык үйдөн, сендей ниети бузуктар кирчү үй эмес менин үйүм! - деп артынан кыйкырып калды. Ошол ошо болду. Андан кийин келиндин тойуу болду, куугунчу келип алына жараша калың берип эки жак ымалалашып куда-кудагый болуп калышты. Эки жаш ынтымактуу жашап бири-бирисиз убакыт өтпөй качан болсо ээрчишип бирге жүрүшөт. Бирок арадан алты жыл өтсө да бойуна болбой жүрүп акыры күткөн кубанычтуу мүнөттөр аларга жетти. Айы күнү жетип төрөөр убакта Бегимайды кара басып куучу чалды чакырып келип эптеп өзүн аман сактап калды. Балканактай бала өлүк түштү. Ыйлап-сыктаган келин арадан үч ай өткөндө дагы кош бойлуу экенин билди. Эч кимге айтпай кыштоого атасынын үйүнө барып төрөгүсү келди. Анда да өзү аман калып баласы жок болуп калды. Ошентип жылда төрөгөн баласы жылда жок боло берди, ата-энеси Бегимайды кетиргенге аракеттенди эле ага Бообек каршы болду:

- Ата, апа, Бекей мен үчүн барган жеринен баса берген, биз бири-бирибизди сүйөбүз, - Бообек такай Бегимайды Беки деп эркелетип айткандан улам аны баары ошентип чакырышчу. - Мен үчүн ал каргышка калды, анын убалы кимге, төрөп-төрөп азап тартып анын деле жүрөгү ооруп сыздап жүрөт.

- Уулум, биз сенин учугуң уланып очор-бачар болуп үйүңө бала ойноп турса дейбиз да.

- Ошону айтсаң, өзүң жалгыз болсоң, бала көрбөй жашың өтүп кетсе… - апасы көз жашы кылып алды.

- Пешенеге жазганды көрөөрмүн, Бекейдин жүрөгүн оорутуп кетире албайм! - Бообек ушуну айтты да чыгып кетти. Бегимай булардын сөзүн бүт укту. Түндөп кетип калууну ойлоп кийим-кечесин даярдап жатканда кайненеси:

- Беки сени алакачкан үйгө, каргышың кара башыңа тийгир кемпирге барып алдынан өтүп келели, ошондо бир жакшылык болоор… - деп үшкүрүндү.

Эртеси эле коңшу айылга барышты. Беккулдун апасынын өлгөнүнө эки жыл болгон экен, ага куран окутуп кайтышты. Дасторкондо отурганда:

- Беккулдун апасы абдан каардуу, каргаганы кайт болбогон аял эле, ошондо эле алдынан өтсөңөр болмок экен, - деди бирөөсү.

- Мынчалык болоорун кайдан билдик, уулубуз жалгыз, балалуу болуп очор-бачар болбосо бизге эле кыйын болду. - Ата-эне ойлуу босогодон аттап чыгып баратышты. Бегимай ошол эле күнү ата-энесинин үйүнө баса берди, канча жолу Бообек келсе да болбоду:

- Бообек сен мени караба, үйлөнүп балалуу бол, мен эми барбайм, мени сүйгөнүң чын болсо айтканымды аткар:

- Жок-жок Беки, мен сенсиз жашай албайм, кетпейм эч жакка, сен каерде болсоң мен ошерде болом, - Бообек көпкө чейин Бегимай менен кайнатасынын үйүндө жүрдү. Бегимай күйөөсүн көндүрүп акыры үйүнө жөнөттү: "Эгер кетпесең мен өзүмдү өлтүрүп анан кутулам. Бообек, сен менин тирүү жүрүшүмдү кааласаң үйлөн, атам менен апам да мени каргап жатышкандыр, мени жакшы көрөөрүң, сүйөөрүң чын болсо баргын", дегенде ал аргасыз коштошуп кетти. Эки жылдан кийин Бообек үйлөнүп уулду болгонун укту, укканда сүйүнүчү, өкүнүчү, арманы көкүрөгүн өрттөп ботодой боздоп жатты. Канчалык өзүн кармап өз сүйгөнүн бирөөгө салып берип тагдырдын жазмышына көнүп бергени менен башкага Бообегин кыя албай жатканы белгилүү эле. Бугун чыгара өксөп алган соң: "мен эмне болуп турам, жүрөгүмдө анын сүйүүсү, аргасызмын, баласынын боосу бек болсун, аман жүрсүн", - деп өзүн сооротуп алган. Арадан жылдар өтүп ата-энесинен ажырады. Ини сиңдилери өз-өзүнчө кетип ата-эненин үйүндө Бекей калды. Өңгөдөн анын эсинде калганы, Бообек тун уулу төрөлгөндө келип алып Бегимайды бекем кучактап алып:

- Алтыным, мен балалуу болдум, бирок балалуу болгон аялымды сенчелик сүйбөйм, аны кетирип баланы өзүң бакчы, өзүң жанымда болчу! - деп өңгүрөп ыйлаганда ал:

- Бообек, сен эмне деп отурасың, баланы тапкан аялыңды неге антип жатасың, бала энеси менен бактылуу, ал эми дагы төрөйт, сен жалгыз бала менен калмаксыңбы? антпе, бар үйүңө, уулуңду кандай жакшы көрсөң, аялыңды ошондой сүй, ал сенин жалгыз башыңды эки кылды, сыйла! - деп башын көкүрөгүнө жөлөп алган Бообектин башын өйдө кылып көзүнө тике карады. - Сен мени сүйөсүңбү, анда аны да сүй!

- Болуптур жаным, айтканыңды аткарайын, сен башкага кетпечи, жок дегенде анда-санда көрүп турайын, - деп кетти. Жалгыз жашап жатканда да келип-кетип аны-мунусуна каралашып турду. Бообек беш балалуу болду. Улуу баласы үйлөнгөндөн кийин Бообек оорудан каза болду. Өлөөрүндө Бегимайды чакыртып алып болгонун болгондой айтып келип:

- Силер Бекейди мен өлгөндөн кийин сыйлап, каралашып тургула, - деп жан берди. Аялы аны сүйө бербеди, анын башында эки аял отурганын. Өлүктү койору менен Бекей үйүнө кайтып келди. Бирок Бообектин балдары издеп келбеди. Анда-санда гана сиңдилери менен инилери келип турганы болбосо ал дүйнөдө жападан жалгыз жашап өмүр кечирип келатат.

Бекей эне ушуларды айтып отуруп көзүнүн жашын шыпырып алды да:

- Мен Айымдын бойунда бар экенин укканда абдан корктум, бир балакет болбосун, менин кесепетим тийбесин деп коңшуман айттырсам болбой койушту, акыры толготконун байкап үйдөн качып кетип эртеси келдим, - деди жылмая, - кудайга шүгүр минтип эне-бала аман-эсен.

- Эне, сиз… - Айым таңгала аны карады, - коңшу кемпир айтса жаман көрбөдүкпү Атабек экөөбүз.

- Кызым, аны мен айт деген элем, жок дегенде төрөп алгыча үйдөн кете турсун деп ойлогом.

- Кой айланайын, кудай кулум десе өзү сактайт эмеспи, бирдемени ойуңа ала берсең болбойт да, - Зире сөзгө аралаша кетти.

- Кудайга шүгүр… - Бекей эне улутунуп алды, - мен эле бир үйдө жалгыз жашаганды кантип жакшы көрөйүн, мына Атабегим менен Айым келгенден бери оңуп эле калдым.

- Ушунусуна шүгүр жараткандын, Атабектин апасы эле бол, эми булар сенин да биздин да балабыз, жаны аман болсо болду, - Кудайкул да кубанганын жашырбады.

Алдыга келген тамактарын жегенден кийин Айымгүлдү ордунан тургузбай Зире менен Бекей эне жыйнаштырып койушту. Улуу кишилерди жумшагандан уялган келин өзү жасагысы келсе да болушпады. Айымгүлдүн санаасы тынбай: "эмнеге кечикти, бүгүн төртүнчү күн болуп калды?" - деп уйкусу келбей бышылдап уктап жаткан уулун жыттап алып көзү шыпты тиктей жата берди.

Эртең менен уктап калган Айымгүл укмуштуудай түш көрүп жатты, түшүндө атасы Жандар кайдадыр атын чаап баратып эле аты мүдүрүлүп кетип башы бөлүнүп кетти да чуңкурга түшүп кетти. Уйку-соонун ортосунда ыйлап жатып Атабектин үнүн угуп жатты: "Эч нерсе уга элекпи, азыр айтпай эле кой деди Ажар апам" дегенди угуп атасынын чуңкурга түшүп кеткенине ыйлап жатып ойгонуп кетсе Атабек сүйлөп жатыптыр.

- Апа, азыр айтпагыла деди, тыңыгандан кийин алып барабыз, эң башкысы Үмөтаалыны кайрып алып келгенге кубанды Ажар энем.

- Жакшы болуптур балам, жалгыз уулум бели ката электе мертинтпей балаадан куткардыңар, Жандар бейиши болгур балдарын колдоп жатсын! - дегенде Айымгүл ордунан тура калып башын мыкчый бакырып жиберди:

- Жо-ок! - баары топурап үйгө кирип келишти, - Жо-ок Атабек, мен ишенбейм! - Айым чаңырып ыйлап атканда аны эки жагынан Бекей эне менен Зире кармап сооротуп жатышты. Уулу ошол кезде чукуранып баркырап ыйлап ийди эле Атабек аны ала койду:

- Айым, балабыз ыйлап жатат, курсагы ачкан окшойт?

- Алагой кызым, сен чырылдап ыйлаганда чоочуп кетти окшойт, Өлгөндү ыйлап таппайбыз.

- Жалгыз кызы болсом, башында ыйлап отурбасам эл эмне деди экен, мен эми жаш төрөдүм деп жатып алганым болбойт, эртең эрте жөнөйлү.

- Макул-макул, баланы апамдар карап турат, барып келели, - Атабек макул болбогонго аргасыз алып бармай болду.

- Апей ботом, үч-төрт күндүк баланы алып калганда ыйлап калбайбы, чогуу баралы да кайра тез келе берели, - Зире чоочуп кетти, - Ажар эненин туз-даамын далай таттык эле, эми минтип куда-кудагый болуп барабыз.

- Ооба-ооба, , барса барсын, апасына жолугуп инисин көрүп эс алып көңүлү тынсын. Жандар бий болсо жакшы эле бийлик жүргүздү, убагында өкүмү эки болгон жок, жашы жетип карып-арыганда балдарынын алдында кетти, жакшы киши эле… - Кудайкул менен Атабек бири-бирин карап анын киши колдуу болгонун айтышпады. Айымгүл ичинен: "атамды жакшы дебей калгыла, далай эле ур-токмогун жебедиңер беле, менин көңүлүм үчүн эле мактап жатасыңар го" - деп улутунуп алды. Ата-энеси менен өткөн күндү эстеп сүйлөшүп отурушту. Айымгүл да кабак-кашын ачып ичтен атасына күйүп турганы менен, апасынын, инисинин, маңдайында өзү сүйүп баш кошкон күйөөсүнүн амандыгын ойлоп тамак-ашын койуп отурду.

- Уулум, ушул күндү берген, ушул күнгө туш кылган кудайга миң ирээт ыраазыбыз, атаң экөөбүз, биздин жашыбыз өйдөлөп калганда багыбызга Кеңеш өкмөтү чыгып өз укугубузду берип минтип адам катарына кошулуп баратабыз, бизге туш болгон Ашым бай абдан жакшы киши экен, кичинекей кепесине киргизип калкалап алды… - Зире үшкүрүп алды.

- Ошону айтсаң, силерге болсо Бекей карындашым туш келип канатына калкалап өз баласындай батырып алыптыр, эми ушуну сыйлагыла! - Кудайкул уулун карады.

- Ананчы, энемди Айым экөөбүз колдон келишинче сыйлап алабыз, ээ Айым? - Айымды карай башын бура сүйлөдү Атабек, - бизге кыйын күндө ушул Бекей энем туш болбогондо кайда барат элек?

- Балам, бул да кудайдын буйругу, силер келгени менин да үйүм толуп жыргап калбадымбы, - эне кубанганын жашырбай айтып отурду, - Силерди жеткирген жаратканга ыраазымын.

- Ээ Атабек, бу кеңеш өкмөтү эмне дейт, кара тамандарга жер-мал берет имиш дейби?

- Ата, жанагы кулакка тартылгандардын малын такыр эч нерсеси жокторго берет, анча-мынча бар жаңыраактарга бербейт, ортого түшкөн малдарды атайын өкмөткө кабыл алып койчу жалдап бактырат, ал эми койчуларга айлык берет.

- Жакшы болгон тура, бизде беш-алты жандык бар, биртке жер бөлүп берсе эле үй салып киши болуп калаарбыз.

- Кудай буйруса баары жакшы болот ата, мына мен өкмөткө иштеп калдым, силерди эч нерседен кемитпейм.

- Тилегиңе жет каралдым, дениң сак болуп, кудай өмүр берсе, өзүң менен өзүң болуп бала-бакыраң көбөйүп өнүп өссөң экен, - ойлоно түштү Зире, - Ой, баса, баланын атын койдуңар беле?

- Кайдан, төрөлөөрү менен эле тиякка сүйүнчүлөп барып тигил ишке кабылдым, эми чогулуп койобуз да.

- Кой, эл чакырып койбосок да атын кулагына угуза айтып койолу, кайра келгенден кийин элге жээнтек берели, - Кудайкул уктап жаткан небересине жылмая карады, - Уулум Манас атанын арбагы колдоп эр жүрөк, ак ниет, кичипейил жакшы адам болсун, эгер көңүлүңөргө туура келсе Сейтек койолу.

- Туура, Сейтек болсун!

- Азыр Сейтек деп атап туралы, тияктан келгенден кийин эл чакырып, азан чакыртып атын койолу.

- Ооба, эртең барып келели, - деген бүтүм чыгарып эс алып жатып калышты.

Жандар өлгөнүн уккан Айымгүл түнү менен ойлоп, кийин жатып уктады. Эртең менен камынып алышып жөнөштү.

Күйөөсүнүн өлгөнүн жоктоп үч маал үн чыгарып, "эр мырзам", деп кошуп жаңы эле бүткөн. Айымгүлдүн ачуу чыңырыгы угулуп, аны эки аял колтуктап келатканда боз үйдүн жанында отуруп ыйлап аткан иниси Үмөтаалыны көрүп баса калып боздоп:

- Ата, атакебай, көзүңдү көрбөй калдымбы, бизди кимге таштадың? - деп өксөп атты.

- Кой айланайын, өлгөндү өксөгөн менен таппайсың, атаң экинин бири болчу, жакшы жашап өттү, карыды, дагы ушунусуна шүгүр кудайдын, Үмөтаалы экөөңөрдү көрүп бейкапар кетти, - улгайган аял колтугунан сүйөп үйгө алып кирди. Эми апасын көрүп баса жыгылды:

- Апа, атамдан ажырадыкпы, эмне болуп кетти, ооруду беле?!

- Ооба кызым, бир аз ооруп эле… - Ажар ага чындыгын айтпады, - ажалы жеткен го, кызым.

- Кел кызым, атаңды жайына койдук, жакшысы артында иниң экөөң барсыңар, эми көп ыйлабагыла, куран окуйлу, - молдо чөк түшө калып жооп күтпөй эле кыраатын келтире куран окуп кирди. Ыйлап-сыктап басылгандан кийин Ажар небересин колуна алып мурдун колунун учу менен чымчып өөп:

- Айым, садага болойун жаш төрөгөн келин күйүп кетет, балам көп эзилип ыйлай бербе, ажал жетсе баарыбыз эле өлөбүз, атаң жашаарын жашады, каалагандай өмүр сүрдү, армансыз кетти, силерди көрбөсө кантмек, минтип ызылдап ким ыйлайт эле…

- Ооба десең, ыйлаары, сылап көмүп алаары бар өлүк ырыстуу өлүк да, көп кейисеңер, ыйласаңар тиги дүйнөдө арбак сууга чөмүлүп кыйналат экен, тынч жатып арбагы ыраазы болсун.

- Айланайын, өмүр жашын силерге берсин! - дешип дастарконду жайнатып койуп көпкө чейин Жандарды эстеп отурушту. Койчубек карып калган эле, ушул кезде ал дагы инисине куран окуп Айымгүл менен Атабекти сыйлап атайы аларга арнап мал сойуп акыл-насааттарын айтып отурду. Үч күндөн кийин куда-кудагыйын сылап анан кызын узатты. Кетээринде Ажар Атабекке кайрылып:

- Уулум, Үмөтаалыны өзүңө кошуп ала жүр, эми силер бир туугансыңар, аны коргоп, сактап ал, мен жалгыз эле биякта болойун, тиги желмогуздар кайтып келип дагы бир балээ болбосун, - деди көз жашын салаалата.

- Макул апа, Үмөтаалы мени менен болот, бирок сиз көпкө бербеңиз, эми алар келбейт, биз тарапта басмачылар жокко эсе, көбү кеңеш өкмөтүнө өз ыктыярлары менен кошулуп кетишти.

- Ошондой болсо да корком айланайын, Үмөтаалымдын канаты кайрылып калбасын, ал али жаш, эми зорго он алтыга карады.

- Кам санабаңыз апа, көзүмдүн карегиндей сактайм, - Атабек коштошуп жатып көзүнөн жашы куйулуп кеткенин байкабай да калды.

Атабек айылдык кеңеш өкмөтүнүн председатели болуп иштегенден баштап ойлоно баштады: "Келиштирип үй салдырсам болот эле, элдин эсебинен жашап жатат деп соттоп ийсечи, жокто жок деп жашап жүрдүм эле, эми тигинче алтынды катып отуруп эмне кылсам? Же өкмөткө жарымын өткөрүп берип, калганын пайдалансамбы", - бир ойго токтой албай атасына кеңешти:

- Ата, сиз менен кеңеше турган сөзүм бар эле…

- Айт балам айта бер, мага кеңешпегенде кимге кеңешет элең?

- Ата, бул сөздү экөөбүздөн башка эч ким билбесин.. Жандар бизге бир куржун көзү менен толтура алтын берген, талаада калгыча балдарым пайдасын көрсүн деген эле.

- Кокуй бул жөнүндө жан билбесин, алтындын арты өкүнүч менен ый болчу эле, кайненеңерге да барбы же алардын да үлүшү барбы?

- Чогуу, Ажар апа аны укса коркот, ошол алтын үчүн Жандарды өлтүрүп кетишти да.

- Алда кургур ай-яа, ошолорго кыйбай уул-кызына таштаган тура, анда мындай кылалы, мен зергерчилик кыламын да чекесинен сатып башка айылга барып жер берсе үй салып алалы. Апаң болсо эл тамшанган уз, мата алып келип ал үй жасалгасын жасасын, сени атаң экенимди билгизбей алтынды Ажарга да, элге да билгизбей көрөлү.

- Макул ата, анын чекесин ойулта албайбыз, тай туяк алтындар экен. Биринчи көргөндө аябай таң калбадымбы.

- Бул да болсо кудаанын бизге бергени балам, ата-бабам ушу Куту бийдин эшигинде кызмат кылып келди эле, берем десе ушинтип эле берип койот, - Кудайкул кудуңдап сүйүнүп атты.

- Этият бол ата, байлыгың курусун, силер аман болсоңор. минтип элдин башында туруп калдым, өкмөт деле кур койбостур, ошол алтынды дайынсыз эле талаага алпарып көмүп койбойлубу, далайдын башын жеген немени?

- Оой бала, сен не деп турасың, ушунча жыл кедейликтин азабын тарттым, жакшы кийим кийбей, жакшы тамак ичпей. байдын казаны кайнаса ысык шорпо ичкенге зар болуп кемегенин башында жүрдүм…

- Ата акырын, мен сизден талашмак белем, мендеги буйум, дүйнө сиздики, бирок сак болуңуз, азгырылып кетпеңиз.

- Болуптур уулум, өзүмө ченеп эле бер, эртең Анжиянга барып соодалап келейин, анан көрөсүң атаңды.

- Сак бол, ата! - Атабек атасына түндөсү каткан жеринен эки тай туяк алтынды алып жоолукка ороп туруп белине байлап берди. Колхоз уйушулуп жатканда бир ат алды эле, аны жемге тойгузуп алып таң заарынан жөнөп кетти.

Атабек элдин ишеничин актап өз ишин жүргүзүп атты, Күнү-түнү бел чечип жатпай талаага эгин айдатып, суу сугарганга адамдарды дайындап, эмгек акысына буудай берип, чогулган малды короо-короо кылып койчу дайындап, жок-жардыларга бирден эчки, кой, сааганга уй берип бейбечаралар тыңып кеңеш өкмөтүн колдоп атышты. Контордо Владимир Ильич Лениндин портретин илип алышкан. Караңгы элге билим үйрөтчү кечки мектеп ачылып, жаш балдарга мектеп ачып аз-маз тамга тааныгандар окута башташты. Бара-бара шаардан мугалим келип балдарга билим алууга шарт түзүп ата-энелеринин каршы болгонуна карабай түшүндүрүп окууга тартышты. Кудайкул өз иши менен алектенип алтындарды акчага, матага, кант, чайга алмаштырып, бир бөлүгүн Ажарга алмаштырып берип, билгизбей бекитип жүрүп аз-аздан бөлүп берген жерге үй салышты. Атабекке зыяны тийип калбасын деген ойдо сыр билгизбей акырындап тың жашаганга өттү. Бара-бара эл колхоздошуп, тойунуп мал күткөнү мал күтүп, үйлөрдү заңгырата салып билинбей калды.

1940-жылдар.

Атабек Сейтектен кийин Курманбек, Саринжи аттуу уул, Седеп, Чүрөк деген кыздуу болуп бакубат жашоону өткөрүп жатты. Арадан отуз жыл өтүп Атабек улам көтөрүлүп, билимин жогорулатып отуруп Фрунзеге кызматка туруп кетти. Кудайкул менен Зире да бул дүйнөдөн өтүп, Бекей эне Атабек өз энесиндей карап, сыйлап ал дагы өттү бул жарыкчылыктан. Сейтек менен Курманбек жогорку окуу жайларга окуп атып согуш башталганда коштошпой майданга кетип Айымгүлдүн жүрөгү сыздап отурду. Фашисттик душмандын огуна айылдын далай эр азаматтары окко учканда Атабектин эки уулунан да кара кагаз келди. Эки кызы бой жетип окууга тапшырууга талпынып жатканда Седепти бура бастырбай Шамырбек деген жигит сүйүүсүн билдирип туруп алды. Седеп аны карап да койбоду. Шамырбекти Чүрөк сыртынан эле жакшы көрчү. Ошол жылы Седеп педагогикалык окуу жайга окуп калганда Чүрөк Шамырбек менен жолугуп жүрүп экөө сүйүшүп калды. Седепке караганда сиңдиси өтө шайыр, тамашакөй келе турган. Кыял жоругу өзгөрүп, жигит менен сүйлөшкөнгө токтоо болуп кетти. Седеп Чүрөктүн мүнөзү өзгөргөнүн байкап:

- Чүрөк, сен башкача болуп баратасың же чоңойгонсуңбу, окууга болсо тапшырбай койдуң? - деди бир күнү.

- Эмне болуптурмун, сага эле башкача болуп атса керек, - деп койду эле алардын сөзүн угуп турган Айымгүл эки кызына мээримдүү карап:

- Экөөң тең чоңойдуңар, эми атаң экөөбүз күйөө бала күтөбүз, Саринжини үйлөнтүп келин жумшайбыз, - Седепти карады, - Чүрөк окубаса мейли кызым, мага жардам берет, таенесин карайт, - Айымгүл жылмая Чүрөктү бетинен өөп койду, - Ээ кызым?

- Ооба апа, окугандар министр, чилистен боло берсин, мен окубайм!

- Мейли каралдым, аман жүрсөңөр эле болду… - Айымгүл согушка кетип кайтпай калган уулдарын эстеп көзүнүн жашы төгүлүп кетти, - каралдыларым менин, аман жүрсө, окуусун бүтүп келип бизди келиндүү кылбайт беле?

- Апа, согуш али бүтө элек, балким келип калышаар, жалган кара кагаз жөнөтүп жаңылып калышкандыр? - Седеп апасын кучактап сооротуп жатты. - Агамдар сөзсүз келишет, көрөсүз го?

- Тилегиңди берсин жараткан, Манас атанын арбагы колдоп аман келип калышса кана, жамандарым…

- Апа, мен Сейтек байкемдин келээрин түшүмдө көргөм, ал келет! - Чүрөк да апасын кучактай эркелей кетти.

- Оозуңа май эркем, оозуңа май, ылайым эле жаркылдап кирип келсе гана. - Ойлоно түшүп, эмеле Сейтек кирип келчүдөй кубанган Айымгүл кайра Чүрөктү карады, - Аа- аа, аа Курманбекти көрдүңбү?

- Жок апа, Курманбек байкемди көрбөдүм, - Чүрөк күнөөлүүдөй кабак бүркөй туруп калды. Деги эле жаш кезинен Чүрөк түш аяндуу болчу, кээде бир нерселерди айтса туура келип калчу. Айымгүл чөгө түштү, "экөө тең келсе болбойт беле кулундарым, мейли ушунусуна шүгүрчү, баса Чүрөктүн айтканы келип өлдү деген уулдарымдын бири келип калса ошого да шүгүрчүлүк", деп ойлонуп ичтен тына тим болду. Ошол күнү ал кечки тамакты Чүрөк экөө даярдап болуп Атабекти күтүп жатышкан. Ал келди, келген менен кабагы бүркөө келди. Айымгүл аны "жумуштан чарчаган го", деп алдына тамак куйуп койгондо ал аялын карап:

- Айым, Седеп кайда кеткен? - деди калыбынан жазбай.

- Ал бүгүн студенттер менен чарба жумушуна кеткен, бир жумада келебиз деди го?

- Аа-аа мейли, Айым, мен дагы согушка жөнөй турган болдум, тиги айылдан Үмөтаалынын да тизмеси бар экен, демек эч кайгырба, ыйлаба, башка келгенди көрөөрбүз, биз кандай күндү баштан өткөрдүк, азыр кандайбыз, ушуга шүгүр дешибиз керек, Саринжини белиңе таңып эки кызды караан кылып жашап тур, фашисттер артка чегине баштады деп жатышат, андай болсо биз тез эле келип калабыз.

- Ай кудай ай, бу каран калган согушу кайдан да чыга калды эле, сени жибербейбиз, эл агартуунун төрагасынын ордун беребиз, балдарга билим берүүнү токтотпойбуз деп атышпады беле?

- Ушундай болуп калды Айым, кайраттуу бол, эртең айылга барып Үмөтаалыны көрүп коштошуп ал, мен кошо барайын, бүрсүгүнү жөнөйбүз, апам менен да учурашып келели.

- Макул. - Айым үнсүз ыйлап акырын башын ийкей үн катты. - Сенин жашың элүүгө жакындап калбадыбы, жаштарды алат дебеди беле, сен эки уулум согуштан курман болду дебейсиңби? - Айым ар кайсыны айтып бырылдап ыйлай берди.

- Айым, токтоо бол дебедимби, сени көргөн балдар эмне болушат? - Атабек Айымды ээгинен өйдө көтөрө жүзүнөн өөп колтугуна кысты. - Биз бактылуубуз Айым, өлкөбүзгө тынчтык орноп аман-эсен келсек кайрадан бактылуу жашайбыз.

- Атабек, - шыбырай сүйлөдү Айым. - Сен талаада жүргөндө күч берип турат, алтындан бир тогологун белиңе таңып ал, мен апамдардан уккам, алтындын касиети күчтүү деп, ал сенде жүрсө күчтүү да, жүрөктүү да болосуң, анан көөнүң тынч, кардың токтой жүрөсүң.

- Алтын демекчи Айым, эсиңде болсун, бир адам билбесин, сенде алтын бар экенин. Кокус ниети каралар билип калса тукум курут кылаары бышык. Сак бол өзүңө, эл ачарчылыкта кыйналып, болгонун согушка жөнөтүп жатканда силерде алтын бар экенин билип калса соо койбойт, эки кыз, Саринжи да билбесин уктуңбу, анын жоосу көп болот.

- Жок, эч ким билбейт, балдарга сен келмейин эч теке айтпайм, ал катылган жертөлөнү ачтырбайм

- Ошент алтыным, сен акыл-эстүү аялсың, андан билгизбей өткөрүп Үмөтаалынын үйбүлөсүнө да берип тур, кыйналып калышпасын!

- Макул, аларга ачарчылыкты көргөзбөй калайын, атам раматылык атайы экөөбүзгө ишенип таштагандан кийин аларды кейитпей четинен алтындын пайдасын тийгизип турушка арбак алдында экөөбүз милдеттүүбүз да.

- Акылдуум менин, кайратыңды жыйып, бизди ыйлабай узат, ошондо биз аман-эсен кайтып келебиз.

- Ылайым эле аман кайтып келсең экен, чоң болуп иштебесең деле бул байлык бала-чака өбүрө-чөбүрөбүзгө жетет эмеспи.

- Ооба алтыным, согуш бүткөндөн кийин айылга заңгырата үй салдыр, мени күтүп отура бербе, Саринжи да чоңойуп калат, мал күтүп, кийинки жашоолоруна кам көрө бер, согуш башталганына мына быйыл үч жыл болду, кудай буйруп душманды жеңип келсек анан жашоону кайрадан баштайбыз.

- Ооба, биз силердин аман кайтып келишиңерди кудайдан тилеп күтөбүз, - экөө көпкө чейин сүйлөшүп тамактанып отурушту. Саринжи менен Чүрөк сыртта жүрүшкөн. Саринжи эң кичүүсү. Экөө ээрчишип кирип келип Айымгүлдүн ыйлаганын көрүп делдейе бир азга туруп калышты. Атабек уулун жанына чакырып алып, чекесинен өөп эркелетип, кызына мээрим төгө бир топко карап турду да анан:

- Кызым, эми силер чоңойдуңар, апаңарды кейитпегиле, Саринжи болсо жаш. Седеп экөөң бойго жетип чоңойуп калдыңар, эстүү болгула, апаңа жакшы карагыла, - деди токтоо, калбаат сүйлөп, дегинкиси Атабектин ушул убакта бирдей бой жетип согушка кетип кайтпай калган балдарын эстеп каңырыгы түтөп: "не бар, не жок кокус мен да келбей калсам айткан сөздөрүмдү эстей жүрүшсүн, атанын сөзүн угуп балаган бала турмушта кыйналбайт, кайраттуу көтөрүмдүү болушат", - деп ойлоп турду:

- Ата, сизге эмне болду, бир жакка кетчүдөй болуп?! Апам сиз менен чогуу, биз кетпейбиз да, багыбызга сиз бар болсоңуз баары жакшы болот, - деп Чүрөк эркелей атасын кучактай жаагынан өөп койду.

- Кызым, силер менен чогуу отуруп кеңешүү керек, мен дагы согушка жөнөп жатам, эртең айылга таенеңерге бирге барып учурашып келели. - Бул учурда Айым бышылдай үн чыгарбай ыйлап жаткан.

- Ата, сиз да согушка барасызбы? - Саринжи баё сурап койду.

- Ананчы балам, бүрсүгүнү жөнөйм, - Атабек жүзүндөгү жылмайуусунан жазбай, - Биз элди душмандардан коргобосок ким коргойт, ошон үчүн силер акыл-эстүү болгула, апаңарды кейитпегиле, макулбу уулум?

- Мм, менин түшүм туура чыкты, эртеби кечпи сиз да бара турганыңыз анык болчу, - Чүрөк ойлуу отуруп калганда Айым шашкалактай:

- Эмне, атаңдын согушка кетээрин билдиң беле? - деди жаштуу көзү менен аны карап.

- Билем апа… - Чүрөк андан ары эч нерсе айтпады. Айым "чунак кыз, деги жакшылыктуу түш көрсө экен, Атабегим аман болоор бекен", деп ичтен сыздап жүрөгү зырп этип алды. Эртеси таң заарынан айылга кетчү унаа жок, Атабек өкмөттүк машинаны сурап алып жөнөштү. Алар келгенде Үмөтаалыга повестке келип Ажар ыйлап-сыктап отурган экен.

- Атабекке барсаң боло, сени согушка жибербей алып калсын.

- Жок апа, эл менен болуп эл көргөндү көргөнүм жакшы. Качанкыга жездемди жамынып жүрө берем, - Үмөтаалы согушка барып келүүнү өз милдети катары кабыл алган эле, апасын сооротуп акыры жөнөмөй болду. Жолго алып кетчүсүн даярдап жатканда Атабектер бала-бакырасы менен келип Ажардын кубанычы койнуна сыйбай отурду. Эң кичүүсү Саринжини эркелетип өөп:

- Садага болойун чүрпөлөрүм, чоңойуп калыпсыңар, ата-энеңерге жөлөк болгула, жакшы адам болгула, Чүрөк, алдыңа кетейин десе, сен бой жетип калган турбайсыңбы? - деп Чүрөктү эки бетинен өөп, Айым менен Атабекти төргө өткөрдү. Чынында айылда турмушу жакшы, малдуу-алдуулар аз эле, ошолордун ичинен Үмөтаалынын турмушу ойдогудай. Заңгыраган үй, эшигинде бирин-экин малдын кайдан келип аткандыгын Үмөтаалы да билбейт. Ажардын сандыгы толо мата дүнүйө экенин, жүз миңдеген акча катылуу экенин да ойлобойт. Болгону ал: "атамдын дүнүйө-мүлкүн апам байкуш сактап калган экен", деп ойлойт. Колхоздун эли анын байдын баласы экенин билип иликтегени келгенде Ажар:

- Балам, менин күйөөм бий экени ырас убагында, кийин ал өз ыктыяры менен кеңеш өкмөтүнө бүт өткөрүп берип, өзү басмачылардын колунан өлгөн, кулакка тартылган жок, - деди эле келгендер:

- Кечирип койуңуз апа, биз билген эмеспиз, ошентсе да баарын тактоого милдеттүүбүз, - деп босогодон нан ооз тийип кетип калышкан. Үмөтаалы колхоз жумушунда кадимкидей иштеп жүрүп эми минтип согушка эл катары жөнөмөй болуп турат.

Атабек кайненеси менен көпкө сүйлөштү, аркы-беркини айтып келип:

- Сизге кудай кубат берсин, Үмөтаалы экөөбүздүн көрөөр күн, ичээр суубуз түгөнбөсө бат эле келип калабыз, кайгырбай, бири-бириңе эш болуп жакшы тургула, өкмөт бизди адам кылды, эми өкмөттүн ишинен баш тартканыбыз туура эмес.

- Ал айтканың туура садага болойун, кудай жаныңарды аман койсун, ошол жер жуткан пашисттерди жер менен жексен кылып жеңип келгиле, ата-бабанын арбагы, Манас атанын арбагы колдосун! - деп алаканын жая оозун кыбыратып, олуя-ата мазарлардын атын атап келип бата кылды, - Оомийин, бизге каршыккан душман оңбосун, атылган огу силерге тийбей кайып өтүп киндик каныңар тамган жериңердин турпагы буйруп, насиби тартып аман-эсен кайткыла!

- Айтканыңыз келсин апа, ата-энем көп жашап менин урмат-сыйымды жакшы көрө албай кетишти, эми сиз аман жүрүңүз, неберелериңизге тээк болуңуз! - Атабек да жашып кетти.

Ошентип Үмөтаалы менен Атабекти чогулган эл абдан кызуу колдоп узатышты, алар менен кошо айылдан мен деген азаматтар кетти согушка.

Айымгүл күйөөсүн, иниси Үмөтаалыны жөнөткөндөн кийин айылга апасынын жанына келип кайнатасы тургузган үйгө кирип алды. Седеп атасын узата албай калганга кейип атты. Убакыт деген адам баласынын жараатын улам күн өткөн сайын дарылап турчу нерсе эмеспи, Седеп да ыйлап-сыктаганы менен окуусун улантып шаарда калды. Ошондон ары өзү менен бирге окуган жигитке турмушка чыкты. Чүрөк айылдык жигит менен сүйлөшүп жүрүп ал да кези келгенде күйөөгө тийди. бул арадан жалгыз уулунун аман кайтышын күтүп жүрүп Ажар да дүйнө салды. Согуш бүтүп Атабек менен Үмөтаалы кеткен бойдон кабар жок болуп жүрүп жеңиш майрамы экинчи жолу майрамдалып жатканда Үмөтаалыдан кат алышты. Ал мындайча болду. Үмөтаалы жаңы эле жездеси Атабек экөө эки жакка бөлүнүп Сталинградга жетип согуш талаасына чыкканда ок жаңылып госпиталга туш келет, эч нерсени сезбей башка тийген жараатынан өлүм алдында жатып дайын дарегин эч ким билбейт. Кулак тушун көзөп кеткен октун залалынан эки жылдай же сүйлөбөй же жакшы көрбөй жатып калып дарыгерлердин жакшы кароосу менен экинчи жылдын жарымында зорго сөзгө келди:

- Сүйлөгөнүңөр угулбайт, мен эмне көптөн бери жатамбы бул жерде?

- Ооба, сиз эки жылдан бери эч нерсе сезбей калдыңыз, сиздин айыл кайда экенин билбейбиз, болбосо жеткирмекпиз.

- Мен эми жакшы элемин, үйгө жеткиргиле, - дейт Үмөтаалы.

Аны эки-үч күн жакшылап жанына бир санитарка кызды кошуп берип пойоздге салып Фрунзеден араба менен айылга алып келишет. Эч нерсе укпай калганына кейиген менен үйүнө аман кайтканына аялы бала-бакырасы кубанып тосуп алышат. Ошол душман огунан жабыр тарткан Үмөтаалыга Ленин орденин ыйгарып салтанаттуу чогулуш өткөрүштү да, колхозго башкарма кылып дайындашты. Атабектин өлүү тирүүсүнөн дайын чыкпады. Айымгүл бир тууганынын эсен келгенине кубанса, жан дүйнөсү, жүрөгү, сүйүп кошулган жарын эстеп жүрөгү эзилет. Саринжини окууга жөнөтүп күнүмдүк тирчилиги менен алектенип жүрүп жертөлөдөгү катылган алтындан алып шаарга барып эки кызына шаардан үй алганга акча таштаганы жаткан. Эми эле кирген болчу, артынан кирип келген Чүрөктү көрүп алдындагы алтынды ката албай калды.

- Кызым сен кайдан, күйөөң дагы келдиби? - Айымгүл араң ушуну сурады.

- Ооба апа, экөөбүз тең келдик, сизди жалгыз куруду го деп кабар алганы келгенбиз, тиги эмне, апа? - Чүрөк караңгы жертөлөнүн бурчундагы ойукта жылтыраган нерсени көрө кызыга сурап жиберди.

- Чүш, ал ата-бабабыздан бизге калган байлык, мынабу заңгыраган үйлөр, ачарчылыкта эч нерседен кем болбой кийимибиз бүтүн, кардыбыз ток жашап жүргөнүбүз ушунун касиети.

- Апа, кармап көрсөм болобу? - Чүрөк апасынан жооп күтпөй эле жетип барып эчкинин туягына окшогон алтынды ала койуп таңдана апасын карады:

- Апа бул алтынды бизге көрсөтпөй кантип бекитип жүрөсүз?

- Балам, эч ким укпасын, силер муну көрбөгөнүңөр менен пайдасын көрүп эле атасыңар. Болду, бул жөнүндө күйөөң укпасын.

Айым мүшөктүн оозун жаба кызын алдыга койуп өзү артынан жертөлөнү бекитип анан сыртка чыгышты. Алардын сөзүнүн Чүрөктүн артынан кирип келаткан күйөөсү Манатбек угуп тыңшай калып: "эмне дейт, байлык, алтын дейби, булардын алтыны бары чын го, болбосо мындай заңгыраган үйдү кайдан салмак эле? Кызык, алтыны болсо Чүрөктөн суратып биз дагы үйлүү-жайлуу болсок болот да", - деп ойлоп алар чыгып келатканда билмексен боло ары басып кеткен. Айымгүлдү көрүп бери басып келип учурашып жөн-жай сурашты:

- Кандай айланайын, куда-кудагыйлар аман-эсен турушабы, өзүңөр аман-эсен жакшы жүрөсүңөрбү?

- Жакшы-жакшы апа, баары жакшы, атамдар сизге салам дуба айтышты, атамдан кабар барбы, биле келгиле дешти.

- Аа-аа балам, мына согуштун бүткөнүнө эки жылдан ашты, кат-кабар жок…

- Келип калаар, балким жарадар болуп госпиталда жаткандыр.

- Ким билет, бир кудай эле билбесе… жүрү үйгө киргиле, - эне үйдү көздөй жол баштады.

Кыз-күйөө үч-төрт күн болуп үйлөрүнө кайтышты. Манатбек аялын карап бир сөз күтөт, бирок андан сөз чыкпады. Басса-турса байлык, алтын эсинен кетпей: "эмнеге бизге айтпайт, кызына деле берсе болот да", - деп ойлонуп бир күнү келинчегин тамашалай сурады:

- Чүрөк, таятаң эл бийлеген бий болуптур, байлыгын балдарына, аялына таштагандыр, апамда деле алтын болсо керек ээ?

- Мен кайдан билем? - Чүрөк апасынын эч ким билбесин деген сөзүн эстей кыска жооп берди.

- Атасынан байлык калбаса таякең, апаңдар мынчалык тың турбайт эле, катылган алтыны болсо керек?

- Анысын мен билбейт экенмин, а мен алтын дегендин өңүн көрө элекмин.

- Бая күнү эмне эле жертөлөдө алтын жөнүндө сүйлөшүп жаттыңар? - Манапбек Чүрөктү сынай караганда ал чоочуй күйөөсүнө жалт карады:

- Сен кайдагы эле алтын жөнүндө кеп кылып калгансың, таятамдан калган алтын эжемди окутуп шаарга, айылга үй, мал алып ошону менен түгөнүптүр, ошону айтып апам, биртке байлыктын акырына чыктык, эми малды көбөйтөлү, бир аз акчага Седеп экөөңө арнап үй сатып берейин дейт.

- Аа-аа жакшы болгон тура, шаардан эле алалы үйдү, иштеп жашаганга ылайык.

- Апам бизден эч теке аябайт, атам келип калса, анан байкем келип калса…

- Кайсы байкең? - чындап эле Манатбек сурады, анткени Сейтек, Курманбектер жөнүндө уккан эмес.

- Менин эки улуу агам бар болчу, экөө тең окуп жүрүшүп ошондон ары эле согушка кетип кара кагаз келген…

- Аа-аа, - Манатбек андан ары эч нерсе деген жок, экөө унчукпай отуруп калды: "апасы үй алып берем дегенине караганда дагы алтыны бар, кандай кылып суратып алсам, ата-энем деле жок жарды, бир аз берсе биз деле ирденип алат элек", - деген ойдо калды Манатбек. Чүрөк болсо: "апам экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздү угуп койгон тура, апамдан кичинекей алтын алып келип көргөзүп экөөбүз кийинип, шаарга ойноп келсек эмне болот", деген ойдо Чүрөк кайра эле үч күндөн кийин апасына жөнөдү. Анын келгенин көргөн эне чоочуп кетти:

- Ботом тынччылыкпы?

- Тынччылык эле… - Чүрөк ойундагысын жашырып койду, - сиз үйдө жалгыз каласыз, көңүлүм тынчыбай эле…

- Аа-аа садага болойун десе, мени эмне бөрү жемек беле, өзүң барган жериңде тынч жашап бала-бакыралуу болуп бактылуу болсоң менин көөнүм тынчып калат да, Седеп да келбей койду.

- Алар күйөөсү экөө тең илимдин артынан түшүп алышса кайдан келмек эле апа, балдарынын бирин эрмек кылып алып келип албайсызбы, менин да көңүлүм тынып калат эле.

- Ырас эле улуу баласы үчкө чыкты, ошону бергиле деп айтсам бекен, болобу анан?

- Эмнеге болбойт, ар кимибиз ар жакка кетип сизге эле кыйын болду.

- Кызым ай, анын күйөөсү, кайната-кайненеси макул болбой койсочу? - Айымгүл ойлоно түштү: "Чүрөктү үйгө калтырып аларга үй алып алгыла деп акча берип баласын ээрчитип келсемби?"

- Эмне ойлонуп калдыңыз апа?

- Чүрөк, сен биерде болуп тур, мен аларга барып келейин. Берсе баласын алып келем, анан үй алчу акчасын берип жакшы үй сатып алгыла дейин.

- Макул апа, жалгыз болбой эрмек болот, Седеп эжем бербей коймок беле? - Чүрөк сүйүнүп кетти: "ачкычын эптеп алып калайын", деп - качан жөнөйсүз, мен кечиксем эле Манатбек келип калат, экөөбүз туруп турабыз.

- Ошент каралдым, баса тиги алтын жөнүндө күйөөң уккан жокпу?

- Жо-ок апа, ага эмнеге айтмак элем.

- Анда жакшы, бир аз ала кетип пулга айлантып силерге дагы үй алганга, мал-сал күткөнгө берейин. Алтындын жыты билинсе бизге жаман болот балам, анын душманы көп, зыяны тийип калбасын, этиет бол! - Айымгүл шыбырай сыр кылып айтты, - Оозуңа сак болбосоң болбойт.

- Макул апа, жел чыгарбайм! - Чүрөк апасын кучактай эркелей кетти, - андай балээси бар немени кишиге айтып болобу?

- Мен биртке алып жаман калтага ороп салып алайын дагы, түштөн кийин жөнөйүн, тиги Эсентайдын баласы калдырак машинеси менен келиптир эле, ошол кетсе кетип калайын. Баса ошондой бир унаа алып албасак…

- Оой апа, аны алыш үчүн жетеби?

- Ыя кокуй, ал деген бир айылды үргүлжү он, он беш жыл бага турганга жетет, калдырак машине эмне болуптур?

- Апа, койсоңчу аны, машина алсак аныңыз да бийдин тукуму деп жүргөндөр бир балээни баштабасын?

- Ийе ырас айтасың балам, таекеңди кайра-кайра сурап жүрүп зорго тынып калышты.

Экөө кеңешип алып Айымгүл эч ким байкабагандай кылып эски көөнөргөн баштыкка алтын түйүп алып жөнөп кетти. Ал шашып жатып ачкычын калтырып кеткен экен. Чүрөк жертөлөгө жалгыз киргенден коркуп атып акыры кирди да көргөн көзүнө ишенбей турду. Шашып ичине эки бармактан чоңураак, муштумдан кичирээк уйуган алтынды алды да мүшөктүн оозун жапканды унутуп чыгып эшикти бекитип салды. Бирөө көрүп калгандай көпкө чейин мууну калчылдап коркуп атып: "мен эмнеге коркуп атам, бирөөнүкүн уурдап аттым беле, өзүбүздүкү го", деп өзүн алаксыта кетти. Ал ошентип отурганда коңшу аял кирди:

- Ээ Айымгүл, үйдөсүңбү?

- Апам жок, мен эле.

- Аа-аа айланайын, тез-тез келип апаңдын абалын сураганың жакшы, жанагы биздин кыздар айлап-жылдап да бир келип койушпайт, чакыртып атып келишет, - эки жакты карап отура кетти, - Айымгүл бир жакка кетти беле?

- Ийи, эжемди көрүп учурашып келейин деп кеткен.

- Байкуш, андан санаасы тынбай кеткен экен, деги ошол кыз көп келбейт да?

- Ал окуусун бүткөндөн кийин аспирантурага өткөн. Окуудан окууга окуп атпайбы!

- Ийи-ии бечара, жакшы заман келип кыздар окуп-чокуп жакшы болбодубу, илгери кыздар эмес эркек балдарга окуу жок эптеп жанын бакчу эле.

Чүрөк унчукпады, дасторкон жайып чай куйуп сунду:

- Чай ичиңиз.

- Ичсе ичейин, бу Айымгүл бийдин кызы эмеспи, жугу бар да, качан болсо кызыл чай, кант, набат - кемпир шыпшынып алды, - кээде чакмак кантка жетсек жетип жетпесек кара жарма менен катырма кажып эле отурабыз, - Шор-шор эттире ууртап алып чыныны кайра сунду. - Куй айланайын, шакыйым камаганынан бери бастым эле, Айымгүл болсо памил чай ичип келейин деп.

- Ичиңиз… - Чүрөк сылык гана чайдан куйуп отурду.

- Бу атаңдан кабар барбы, көрдүм билдим деген?

- Жок.

- Бечара Айымгүл жапжаш эле эринен калып саргарып күтүп жүрүп куурамай болду. Андан көрө ушундайда күйөөгө тийип ал дебейсиңерби?

- Ал эмне дегениңиз, атам келет, күйөөгө эмнеге тиймек эле?! - Чүрөк жини келе кагып сүйлөгөнүн кемпир көөнүнө да алган жок.

- Жөн эле айтып койдум кызым, чынында апаң гүлгүндөй эле бойдон эмеспи, элүүгө чыгып чыкпай эрден калса ага деле жаман да.

- Кыз күйөөлөрү турат, баласын үйлөнтөт, ага эми күйөөнүн кереги эмне? - Чүрөк жаман көргөнүн билдире сыртка чыгып кетип кайра кирди.

- Мейли, ал го туура дечи, өмүрүн өткөнчө күтүп жашаган азап да балам.

- ? - Чүрөк унчукпады. Анын унчукпаганы сүйлөшкүсү келбегени экенин кыраа кемпир билди да:

- Ырас болбодубу, кызыл памил чайдан баса ичип башымдын ооруганы басылып калды, эркек төрөп ал, кызым! - бата кылып ордунан турду, - мен барайын.

- Жакшы барыңыз, - Чүрөк жактырбагандай узата карап кала берди. Ал кеткенден кийин өзүнчө ойлонуп алды: "кызык, апам эми күйөөгө кантип тиймек эле, балдары чоңойуп калганда, атам, агам экөө сөзсүз келишет", деп отуруп жалгыз төргө кыңкая кетип көзү илинип кетти. Уктап жатып бир укмуштуудай туш көрдү, атасы бир буту жок болуп таяк таянып алыптыр, ал кызына карай колун созуп эми жетейин дегенде ортосунда бир кара булут пайда болуп жете албай калды, ага жетем деп кыйкырып "ата-аа, атаа кайдасың", деп үн чыкпай жатып жүгүрүп булутту аралап баратып атасы эмес эле Сейтек байкесин көрүп сүйүнүп кетти, ал аны колдон алып " жүр үйгө, апам күтүп жаткандыр", деп айтып экөө жетелеше басып келе жатып ойгонуп кетти. Чоочуп ойгонду, ордунан тура калып өйдө болуп сыртка чыкты. Күн кечтеп калган экен; "кеч кирип калган тура, үйгө кантип жалгыз жатам, корком го?", деген ойдо чырак тазалап май куйуп кечтин камын көргөнү үйгө кирди. Эмеле көргөн түшүн эсинен чыгара албай: "эмнеге атама жолуга калдым, байкем аман келет экен, атамчы?", - кайра эшикке чыгып келатып Манатбек экөө беттеше түштү.

- Оо сен кайдан, ырас болбодубу, өзүм жалгыз коркомбу деп аттым эле.

- Сенин кечиккениңден артыңдан келдим, апам бир жакка кетти беле?

- Ооба, шаарга кеткен, Седеп эжемдерге, Саринжиге барып келейин деп мен келээрим менен эле кетти.

- Жөө-жалаңдап кантип жетээр экен?

- Атты минип алайын десе шериги жок, ашуудан коркот, айылдагы бирөөнүн баласы машина айдап келиптир, ошону менен кетти.

- Оо жакшы болгон тура, апам машинага түшүп кеткен тура, азыр машинага мен деле түшүп көрө элекмин.

- Эмнеси болсо да барып балдарын көрүп көңүлү тынып келсин.

Чүрөктүн көңүлү жайланып күйөөсү келгенге апасынын катырып койгон этинен тамак жасады. Экөө отуруп тамактанышып али бир-биринен ысыгы тарай элек жаштар ээн-эркин эркелешип эрте эле төшөккө баш урушту. Манатбектин ойунан алтын кетпей, Чүрөк катуу уктаганча жатып, качан гана ал уктагандан кийин бая күнү көргөн кичинекей кепени ачып анын төрүндөгү жертөлөгө кирчү кичинекей тешикти ачып эми эңкейе бергенде үлпүлдөгөн чырактын жарыгынан бут алдында келаткан жыланды көрө койуп артка кетенчиктей калды эле жылан анын маңдайына типтике тура калып ышкырып тилин соймоңдоткондо ылдый түшчү тешиктин оозун жаба койуп сыртка качып чыкты да, эшикти кулпулап жүрөгү лакылдап үйгө кирип сыр билгизбей ордуна жатып калды: " демек алтын көп, алтынды жылан кайтараары чын экен, кантип байып кете тургандын жолун табам, же кайненемден ачык эле сурап алсамбы, балким аябастыр", - деп түнү бойу уктабай чыкты. Эртеси Чүрөк сыртта жүргөндө төрдөгү баштыкты ары жылдыра койойун дегенде андан таш салынгандай салмакты сезип колуна ала койуп ичин карап көрүп колуна илинген муштумдан кичирээк ташты сууруп чыгып эси оой ары салдырып, бери салдырып карап турганда Чүрөк кирип келди:

- Аны эмне алып алдың?

- Алса болбойбу, мен бул жерде турган баштыкты ары жылдыра койойун десем оор экен, ачып карасам ушул, Чүрөк бул алтынды сага апам өзү бердиби?

- Жо-ок, апам билбейт, көргөзбөй алып алдым, - Чүрөк баштыкты бекитип койбогонуна ичинен өкүнө: "каап, бекитип койсом болмок экен. Эми дагы алалы деп кайда экен десе эмне кылам", - деп ойлуу күйөөсүнүн жанына келип алтынды акырын алды да ойлонуп калганын көрүп баштыкка салып, - муну экөөбүз пулга айлантып апам үй алып берсе үйгө буйум алабыз ээ? - деп күйөөсүнүн мойнуна колун орой эркелеп калды эле Манатбек анын колун мойнунан ала:

- Чүрөк, бул алтын аз да, биз деле мал күтүп, адамча жашасак болот го, апамдан дагы азыраак сура, - деди.

- Кызык, мына бул алтындын канча пул болоорун билип алалы, анан апамдан алдап алабыз да!

- Макул-макул жаным, бир байыйлы буйруса, сенин таятаңдын байлыгынан биз деле пайдалансак эмнеге болбосун, небере-чөбүрөлөрүнө пайдасын тийгизбей чиритип катып отургуча, - Манатбек Чүрөктү сынай карады.

- Манатбек, сен байлык-байлык дей баштадың да, эгер апам аны көп чыгарып өздөрү байып, балдарын байытып ийсе, билесиңби, азыр бийдин тукуму деп соттоп жиберет.

- Билгизбейбиз, аз-аздан урунабыз.

- Ансыз деле апам акырындап биздин жашообузду кыйналбай турган кылып оңдоп берем, төрөп түшүп алсаң өзүм пул кылып колуңарга берем, сапырып жибербей урунгула деп атат.

- Андай болсо болуптур жаным. - Манатбек келинчегин эркелете өөп койду, - Айтчы Чүрөк, апамдын каткан алтынын жылан кайтарабы?

- Эмне-е, жылан-пыланы жок эле… - ойлоно калды, - эмнеге минтип сурап жатасың?

- Жөн эле, көп алтынды жылан кайтараарын укканмын да, ошого сурап койдум.

- Кызык го, анчалык деле көп эмес, бир куржундун эки жак көзүндө бөксө-бөксө эле экен.

- Оой ошончо алтын көп болбой койчу беле? Сен анын кайда экенин билесиңби?

- Билгенде эмне, апам анын санын билет. тай туяк алтын, чөйчөк кеседей деп санап койуптур.

- Экөөбүз апам жокто урдабайлыбы, көп эмес дагы бир, эки, үчөөнү…

- Жо-ок Манап, болбойт, апам алтынга кызыкпа, мунун айынан атамдын башы кеткен, далайлардын убалына калган деп айткан.

- Эч нерсе болбойт, бир аз малга, кийим-кечеге айырбаштайбыз да.

- Болбойт, анын баарын апам тааныш кишисине айырбаштап анан берет, андан көрө пул сурайлы мейлиби?

- Макул анда. - Манатбек унчукпай отуруп калды. Бирок ал көөнүнөн алтын кетпей баштыктын ичиндеги алтынды алып көпкө карап олтуруп: "Менин ата-энем да мындай алтынды көрмөк турсун алтын кандай болоорун билбесе керек, байкуштар өмүр бойу жоктун азабын тартып карып кетип баратат, колума тийсе ошол мени багып чоңойтуп азап-тозогума түткөн ата-энемди бир жыргатайын, шайы-шалпарга ороп, сайма чапан кийгизейин апама, эмнеге бирөөлөрдүн жертөлөсүндө жөндөн-жөн эле байлык жатса бирөөлөр эчтекеге жетпей өтмөк беле?" деп ойлуу отура берди. Ошону менен ал жөнүндө эч нерсе айтылбады. Чүрөк: "Бул дайнын билип алса уурдап жүрбөсүн, кокус алтын менен колго түшсө апамдарга да зыяны тийет", - деп ичинен санаага батып калды. Ошондон жети күн өтүп Айымгүл келип калды. Үстүнө кийгендери бир шумдук шайы көйнөк, шалпар жоолук, амиркен маасы-көлөч, тим эле көркүнө чыгып калыптыр. Аны көргөн Манатбек ичинен: "эмнеге кайненем кийгенди апам кийсе болбойт, атам тиги Сулайманкулдай болуп сүлөөсүн тебетей кийип чий баркыттан колийфа шым күрмө кийсечи, алар деле жакшынакай болуп калмак", - деп ойлонуп Чүрөктүн артынан аста басып барып учурашты, Чүрөк:

- Апий-ий апам жөн эле Манастын Каныкейиндей болуп калган го, апа сиз аябай сулуу да, жапжаш дагы турбайсызбы?! - деп мойнунан асыла эки бетинен чопулдатып өөп алды, - Кандай, уулуң жакшы окуп жатыптырбы, Седеп эжем менен жездем, балдары болуп жакшы жүрүшүптүрбү? - Үстөккө-босток суроо узатып кубанчы койнуна батпай үйдү көздөй колтуктай басты.

- Өзүңөр кандай айланайын, коркпой-үркпөй мал-жанды карагандан жүдөбөй турдуңарбы?

- Оой апа, ушу беш-алты жандыкты эмне, кезүүдөн тосуп алабыз, кайра эрте менен кошуп койобуз, андан эмнеге кыйналмак элек? - Чүрөк жайдары жооп берди.

- Ошону айтсаң, биз кайтарып аттык беле? - Манатбек Чүрөктү коштой үйгө киришти.

- Жерге кирсин, ууру-кески көп балам, азыр ачарчылык балам, элди каптап жаткан учурда этиет болбосо короодон урдап кетишет, ушундай эле колдон талашып жаткан кез.

- Тынч эле болду, биздин айылда дагы ошондой болуп жатат, уурулар көбөйдү го? - Манатбек сөзгө кошулду. Колундагы куржундун оордугун көрүп: "эмнелерди алып келген, жалаң эле набат, кант, памил чай алып алган го, кантсе да бийдин кызы эмеспи, чүйгүндөп тамагын баккан, биз эптеп-септеп кара катык жарма менен жашап жүрсөк… " Манатбек ичинен өзүнчө ич күптү болуп атып акыры арты өкүнүч менен бүтөөрүн сезбеди. Адам баласынын өзү тойсо да көзү тойбой, тагдырдын түйүлдүк ташын тескери жакка өздөрү буруп алганын байкабай да калышат.

- Садагаларым десе, ырас Манатбегим да келип калган тура, сени жалгыз коркуп калдыбы деп сарсанаа болуп атып Седептердин жүрүп кет дегенине болбой келе бердим.

- Апа, Кумарбекти бербей койуштубу?

- Ээ балам, эки баласы бойтоңдоп чогуу ойноп, чогуу укташат экен, экөөнү бөлгүм келбеди, сураган да жокмун.

- Бир ооз айтып көрбөйт белеңиз.

- Жок балам, өзү менен өзү боло берсин, ынтымактуу болуп илим-билими менен өөрчүп-өсүп жашай беришсинчи… - Айымгүл ойлуу тунжурай түштү. Алып келгендерин куржундан алып жатып түбүнөн томпойуп турган буйумду ары жылдырып койду. - Мына бул чай менен набатты кудаларга алып барып бергиле, Намангандын шайы жоолугунан алып келгем, муну кудагыйга бер, менин базарлыгым, - ушул учурда босого жакты карап, - Чүрөк, эшикти бекитип келчи кызым, - деди бир нерседен кооптонгондой, - Буларды силерге деп Айым бир топ чүпүрөктөрдү алардын алдына койду, - экөөңөр жакшы тикмечиге үстүңөргө тиктирип алгыла!

- Ой-ий апа, бизди баштан аяк жасагансыз го? - Чүрөк апасына жадырай карады.

- Токто кызым, мен бүтө элекмин, - эне артына бурулуп баятан жылдырып койгон куржунду алып чыгып бир топ теңгени алып чыгып. - Муну катып мал-үй алгыла, менин да жашым өтүп баратат, жашооңор оңолуп эчтекеден өксүбөй жашасаңар менин көңүлүм тынч болот эле…

- Ай-иий ап-апа-аа! - Чүрөк дале таң калганын жашыра албай кездемелерди бирине сала бирин кармалап жатты.

- Апа, биз сатып ала турган жакшы үйлөр айылда азыр жок да, андан көрө өзүбүз каалагандай үй салдырышыбыз керек го, мындай акчага келиштирип салса болчудай… - Манатбек өзүнүн ичтен кыжалатчылыгын жашыра токтоо сүйлөдү.

- Кандай кааласаңар ошондой жасагыла, мен өз милдетимден кутулдум, - Айымгүл кыз-күйөөсүнө мээрим төгө тигилди. Чүрөк өзүнө берген буйумдарды баштыкка салып ары койуп Манатбекти карады.

- Манат, бул пулдарды сен катасыңбы же апам өзү эле катып турсунбу?

- Ала кетип эле атамдарга кеңешип тамга керектүү жыгачтарды алып баштай берели.

- Ошенткиле айланайын. Жакшы, айылда жок үйдөн курдургула! - Айымгүл кеңешин айтты эле Чүрөк коштоп кетти.

- Чын эле апа, кооздоп-сырдап тургузабыз.

- Седептер абдан жакшы үй табышыптыр, алабыз деп калды. Мен эми үйдүн жанына Саринжиме келиштирип там салдыра баштайм.

Айымгүл сүйлөп жатып эле муңая түштү. Анын жүрөгүндө Атабектин, Сейтек менен Курманбегинин кайгысы өзөгүн өрттөп турганын жаштар кайдан билсин: "Аттиң, Атабегим болгондо эмне, ошонун акылы болбогондо бул алтын, байлык эмдигиче чачылып бүтмөк, ушу кыз-күйөөлөрүнүн бактылуу болуп турганын көрсө болбойт беле", деген өкүнүчтү ичине ката шуу үшкүрүп алды. Аңгыча Чүрөк дасторкон жайып чай койду. Үчөө чай ичип отурганда Айымгүл:

- Манат, садагаң болойун, көк күрпөң козуну сой, тең этин алып кеткиле, куда-кудагыйлар жаңы шорпо ичип оңуп калышсын.

- Макул апа, - Манатбек илбериңки жооп берип бата кылып ордунан турду. - Бүгүн кеч болуп калды, койлор келе элек, эртең менен алып калып сойо койойун.

- Ошент, - Айымгүл чарчаганга кыңкая жата кетти. Манатбек жүрөгү өйүткөн алтын деген оорунун сырын ача албай же кайненесинен сураганга даабай сыртта басып жүрдү. Аттиң, пенде деген мынча сугалак, болбосо баарын берип жалаң кызы үчүн Айымгүл ачарчылыкта ун-талканды кенен эле жеткиртип жатат го, болбосо Манатбектин атасы чааракерлик менен күн көрүп, эзели жерге ээ болгон жан эмес, коңшулары суйук кара жарма ичип отурганда алардын үйүнө күндө болбосо беш-алты күндө шорпо ичип, кызыл памил чай менен набат катып алып кудайга шүгүр жашап, Чүрөктүн арты менен токчулукта болуп жатканына ыраазы болуп жүргөн кездери эмеспи. Эми минтип Манатбек ошого ыраазы болбой улам көзүнө тай туяк алтындар көрүнүп тынчы кетип атканын кантесиң? Айткандай эле эртеси эрте менен көк күрпөң козуну сойдуруп тең этин кыз-күйөөсүнө салып берди. Чүрөк кетээринде:

- Апа, эки-үч күндө кайра келем, сизди жалгыз койуп кантип көңүлүм тынч жатмак элем, атамдар деле мени өздөрү жиберишет, Саринжи келгенче карап туралы.

- Ооба-ооба, сиздин жалгыз калганыңызга алар да тынчсыздана беришет. - Манатбек сөзгө кошулуп коштоп койду.

- Мейли эмесе, менден кудаларга салам айтып, базарлыкты ооз тийгизип койгула, - Атка учкашып кетип жаткан кыз-күйөөсүн узата карап турду Айымгүл: "Садагаларым, бактылуу болушса экен, төрөп түшүп алса болот эле"…

Ушул кезде Атабек госпиталда бир буту кесилгенден кийин кабак чытып эч ким менен сүйлөшпөй, тамак ичпей сулк жаткан. Сестра ага бат-бат келип көңүлүн көтөрүүгө аракеттенсе да аны карабады:

- Атабек, сен баатырсың, анан да жигитсиң, ушуга да чөгөсүңбү, андан көрө аялың менен балдарыңа кат жөнөтөлү, болбосо жеткирип келебиз, - деди кыргызча так сүйлөп.

- Болбогон сөздү айтпасаңчы Лена, бир бутум жок эми кантип бармак элем, барганда мени жакшы күтүп алаарын кудай билет? - Атабек тескери карап жаткан бойдон жооп берди.

- Аялыңды сүйөсүңбү? - Лена көкмөк тунук асманга окшош көздөрүн жалжылдата сурады.

- Сүйгөндө кандай, биздин сүйүүбүз жомоктогудай болгон убагында.

- Анда эмнеге тартынасың, барыш керек, ал сени күтүп жүргөндүр?

- Мен анын жүрөгүндө баягы алибеттүү, кемтиги жок Атабек бойдон калышым керек!

- Жок, жо-ок Атабек, сен жаңылып жатасың, сен үйүңө барып, аны бактылуу кылышың керек, сен барсаң тирүү кайтканыңа абдан сүйүнөт. - Лена канчалык какшаганы менен Атабек болбоду. Бир күнү Ленадан кагаз-калем алдырып алып үйүнө кат жаздырды. Анда мындай деген жазуу бар эле: "Алыскы Кеңеш колхозунда жашаган Айымгүлгө, кандуу согушта бирге согушуп достошкон Атабектин досу Пётрдан. Биз Ленинградда согушуп жүрүп таанышканбыз. Атабек сени көп айтчу эле, согушка келгенине бир жыл болгон экен, өзү командир болчу, абдан жакшы болуп кеттик, анан ал жарадар болуп калды, мен согуш талаасында калдым, аны госпиталга алып кетишти, арадан үч ай өткөндө жараты айыкпай Атабек досум оо дүйнөгө сапар алды, мени өзүң бар деген эле, азыр өзүм дагы оор жаратымдан өйдө боло албай орто жолдомун, силерге барып досумдун аялын көрө албаганыма абдан өкүнөм. Айымгүл, Атабек баатырларча курман болду, силер, балдары, анын ысымы менен сыймыктанышыңар керек! Катты жазган Пётр", деген кыска мазмундагы катты алды. Өксөп ыйлаган Айымгүл Атабектин өлгөнүн уккандан кийин ага атап мал сойуп куран окутту, ашын берди. Эми анын жалгыз үмүтү, тилеги Саринжи эле. Басса-турса ошонун өмүрүн тилеп кудайга жалынат. Керимселдей керилген келин курагындагыдай мүчө бойу дале өзүнө жарашып турган карылуу аялга туш-туштан күйөө болчу адамдар келе баштады. Аларга катуу тийбей сылык-сыпаа гана жооп берип жөнөтүп атты. Чүрөк менен Манатбек Атабекти угузгандан кийин кете элек, каралашып чогуу. Атабек Чүрөктүн түшүнө үч жолу кирди, үчөөндө тең таякчан эле. Болгону араларын кара булут тосуп туруп алды. Аза күткөнүнө жыл айланганда Чүрөк уул төрөп кубанычтары койнуна батпай жээнтек беришти. Ошол түнү Чүрөк абдан кызык түш көрдү, Сейтек от аралап жүрүп адырга чыгып алып колун булгап аны өзүнө чакырат, Чүрөк барайын десе тоо кум сыяктуу куйулуп өйдө чыга албайт, бир кезде Сейтек: "Чүрөк, мен жакында барам, мени күткүлө, барам!" деп алыстан кыйкырат. Чүрөк ыйлап жатып ойгонуп кетсе чын эле көзү сууланып жаздык да суу болуп калыптыр. Тура калып апасын ойготту:

- Апа, түшүмө Сейтек байкем кирип алыптыр, ал келем деди.

- Оозуңа май садага, ошонун келээр күнү кайда? - Айым сүйүнүп ыйлап жиберди, жок дегенде үчөөнүн бири келип калса кана, түшүң туш келсин кызым, алдагы наристең ак жолтой болуп, уулдарым аман-эсен кирип келсе кана?!

- Келет апа, атам деле тирүү, бирок… - Чүрөк айткысы келбей мукактана түштү, - бирок…

- Эмне бирок, капырай айтсаңчы батыраак, - Айымгүл шашкалактай чындап эле Чүрөктү олуядай көрүп кетти.

- Апа, атамдын бир буту жок, ал балдак менен жүрөт.

- Ботом бир эмес эки буту тең жок болсо деле аман келсе гана?

- Иши кылса ал тирүү эле… - Чүрөк түшүнөн улам атасынын тирүү экенин сезгендей ойлуу төшөгүнө отуруп кайра жатып калды.

- Түшүң жакшы кызым, эртең эрте туруп жети токоч баабедин өткөрөлү, өлдү деген Атабегим менен Сейтегим жаркылдап кирип келгиси бардыр, уктай гой каралдым, уулуң уктап атканда эс алып ал, - деген Айымгүл да жатып калды. Бирок анда уйку кайда, ары-бери оодарылып ойлор чулгап алганга түнү менен түйшөлүп уктай албай эрте туруп камыр жууруп таң атпай жети токоч жасап коңшуларын чакырып чай берди. Жакшылыкка жооруп, кудайдан тилеп отуруп калды. Күн сайын сүйүнчүлөп кирип келээр адамды күтүп жазда келди бирок эч кимисинен кабар болбоду.

Күндөр өтө берди. Айылдык турмуштун ажайып ирмемдери өзүнчө бир керемет эмеспи. Жашоонун нугу өз-өзүнчө өтүп жатты. Айымгүл бара-бара керилген токтоо аял, бир үйдүн жүгүн жалгыз өзү көтөргөн күжүрмөн да, эмгекчил да болуп кетти. Жайкысын малдарын жайлоого кетирип, кышкысын үйгө багат. Чүрөк менен Манатбек үйүнүн пайдубалын тургузуп, чоң тамды сала башташты. Айымгүл аларга тез-тез барып көрүп, небересин эркелетип кайра келет, Жетишпегенин өз колу менен алып келип берип жаны тынбайт. Бир жылдын ичинде алардын үйү бүттү, ага суктанбаган киши жок. Эшигинде мал күтүп мынчалык даңгыратып салдырып жатканы бирөөлөргө таңсык, бирөөлөрү: "Оо кокуй күн Манатбектин пешенесине бийдин байлыгынан жазып койгон тура, болбосо атасы жыртык кесеге аш ичкен эме эмес беле", дешип көрө албай да жатышты. Жети бөлмө кылып пакса менен урулган бул үй айылдын ичиндеги биринчи үй эле, ал кезде шыйпыр дегенди ким билиптир, үстүн шыйпаң кылып кыргызча бүтүрүп кийинки жайда кирип алышты. Манатбек үйлүү, мал-жандуу болуп, карыган ата-энесине ошо кездеги кымбат шайылардан, күрмө шымдан алып берип аш-тойлорго барганда мурункудай корунбай калышкан. Бул жакшы кийими бардын кийимин сурап кетмей адаттары бар болчу, Күйпүлдүн көйнөгүн, жоолугу менен көлөч маасысын сурап келгендери көбөйдү. Ошондо Күйпүл чалы экөө отуруп өздөрүнчө кобураша калганда:

- Ээ жараткан, ушунуңа шүгүр, бейкүнөө момун жан элек, ушу бийдин байлыгына насиптеш болуп калганыбызга миң мертебе тобо, - деп Күйпүл айтса чалы аны коштоп калат:

- Байбиче, муну да пешенеге жазып койгон да, болбосо кара жарманы катыгы жок ичип, кийимдин жакшысын колубузга кармап көрдүк беле - бер, атасынын көрү, сурап келгенче, баягы Күйпүлдүн көйнөгүн кийип барыптыр тойго дешсе сенин мартабаң көтөрүлөт.

- Опей ботом, мен деле аябай калайын, бербесем, байкуш келининин арты менен көйнөккө жеткенге каада күтүп калыптыр дешпейби?

- Дешсин, биз эмне тексиз жерден келин алыптырбызбы, тектүү жерден баш алсаң жаныңа жан, малыңа мал кошулат, жакшыга жанашсаң муратыңа жетесиң деген сөз калетсиз, тобо-оо ушунуңа каниет, - деп Садыралы кемпири экөө миң ыраазычылыгын кудайга айтып жеткире албай турган кездери. Бул жашоонун кызыгын өмүрлөрүнүн акыркы жылдарына туш кылган жаратканга кээде Садыралы ичтен өкүнүп: "ата- аңдын көрүү, жыйырма жыл мурун ушундай жашоого туш болсом өмүрүмдүн кызык кезин жакшылап өткөргөн болоор элем", деп умсуна бутундагы Манатбек сатып келип берген кайыш өтүгүн сылагылай отуруп калат.

Айымгүл ошол күнү койлорун кезүүгө кошуп койуп эки келинди чакыртып алып жүн сабап отурушкан. Жаңы эле тосула баштаган короонун эшигинен бир жаш бала демиге кирип келет:

- -Айым апа, сиздин балаңыз келатат имиш, мага бир киши айтты, барып сүйүнчүлөгүн дейт! - деп эдиреңдей туруп калды.

- Ыя-аа? - деген Айымгүл эмне дээрин, ишенээрин же ишенбесин билбей туруп калды. Заматта анын ойуу ар кайсыга кетти: "балаң дейби, Сейтегимби, Курманбегимби, оо жараткан"… деп ойлонуп баланы караган бойдон эс-учун жоготуп отурган жерине жыгылганы калганда келиндердин бири кармай калды:

- Айым эне, эмне болду сизге, балаңыз келе атканына кайра кубанбайсызбы?! - деп жулкулдатып ийгенде эми гана көзүн ачып:

- Эмне дейт айланайындар, баламбы… - дегиче үч-төрт киши короонун эшигине кирип келаткан эле. -Оо жараткан, аксарбашыл, уулумду көрөөрүм чынбы?! - Ордунан келиндин жардамы менен туруп эки канатын жая жүгүрүп келе аткандарды көрүп делдейе туруп калды. - Айланайындар… - Чоочун адамдарды көрүп кетенчиктей берди. Ушул учурда Сейтек тигилердин артынан келе жаткан эле, апасын көрө жүгүрүп келип кучактап калды… Эне баланын ушул турушун сүрөттөөгө тил жетпес, ов. Салаалаган жаштары эки бети ылдый куйулуп бири-бирин кучактаган бойдон көпкө туруп калышты. Айымгүл бир топтон кийин, - Садагам, чын эле көрүп турамбы же түшүмбү?! - деп алсыз сурады.

- Апа, бул мен, Сейтекмин! - Сейтек көз жашын аарчый аны бир колу менен кармап, - Мына мен келдим, - дегенде Айымгүл өзүн жоготуп койду. Аларды карап тургандар да эми эсине келгендей:

- Ой үйгө киргизгиле! - деди эле келин Сейтекке жардамдашып ичке алып киргизип, башына жаздык койуп жаткырып бетине суу чачышты эле Айымгүл көзүн ачып эки жагындагыларды көрүп өйдө болду да:

- Айланайын кудай, садага кетейин кудай, Сейтегим келген тура! - деп туруп барып шашкалактай чыныга суу куйуп келип Сейтектин башына тегеретип чачып койуп уулунун чекесинен өөп, мойунунан жыттап, - Садагаң кетейин десе, үйгө киргизбей туруп суу айлантып чачпайт белем, карачы өзүмдү жоготуп койгонумду, - деп отура кетти, - Ээ Бермет, дасторкон салгыла айланайындар, чай койгула, эшикти карай үн салганда эки килин дасторкон жайып арыдан-бери жайнатып жиберди.

- Ой Сейтек баатыр, апаң жапжаш келин турбайбы, силерди көрүп сөз сүйлөй албай туруп калдык, - Айымгүлдү карады, баятан бери үн сөзү жок турган экөөнүн бири, - Бу уулуңузду тиги чоң шаардан бери коштоп келатабыз, Сейтек Советтер Сойузунун Баатыры деген наам менен кайтты туулган жерине, бактылуу эне экенсиз, ушундай уулуңуз менен сыймыктаныңыз эже.

- Сыймыктанбай анан, айланайындар үйүбүздөн үчөө кетип бири минтип аман кайтып отурат, кармана албай эсимди жоготуп койгон экенмин, кечирип койгула айланайындар, ишенип ишенбей эле… - Айымгүл уулун карады, - Ээ садага, Курманбектин дайынын биле алган жоксуңбу, атаң да кеткен, андан бир жыл мурун өлдү деген кат алдым, - Айымгүл кайра бышактай баштады.

- Апа, бу согуш далайлардын өмүрүн алды го… - Сейтек токтоо сүйлөп баштады, - Пешенеге жазганды көрөт экенбиз го? - улутунуп алып башындагы плёткасын колуна кармап ойлуу тунжурай түштү. - Биз согуш талаасына бара электе экөөбүздү бөлүп жиберген, даярдоодон өткөндөн кийин мени Сталинградга жөнөттү, ошентип мен Курманбекти көрбөдүм.

- Аман-эсен келгенине кубаныңыз, уулуңузду дагы көр оозунан доктурлар сактап калышты, согуш бүтөөрдө катуу жарадар болгон экен, ушул убакка чейин дарыланды… - келген кишинин бири андан аркысын айтпай туруп калды.

- Апа, апаке, эмнеси болсо дагы туулган жерди көрөөр күнүм бар экен… алты саным аман көрүнгөнүм менен айыкпас ооруну ала келдим… - Сейтек башын жерге сала каңырыгы түтөй эки ийинин солк эттирип алды.

- Эмне дейсиң, кагылайын? - Айымгүл чыркырай үн катты.

- Ошондой апа, башым катуу ооруса жанымды кыйнайт, бир көзүм да көрбөй калды.

- Садагам, андай дей көрбө, көзүң көрбөсө деле мейли, маңдайымда отурганыңа төбөм көккө жетип отурам.

Айымгүл уулун бекем кучактап башы-көзүнөн өөп-өөп алып, сыртка чыгып баратканда коңшуларынан беш-алтоо келе жаткан эле:

- Айымгүл, фронттон уулуң келди дегенинен учурашалы деп келатабыз, кайра төрөп алыпсың, боосу бекем болсун! - Таяк таянган кемпир үйгө карай баштады.

- Уулуң аман-эсен келиптир, биздин балдардан көргөн билгенин сурап, учурашып кайталы.

- Келгиле айланайындар, келбей анан, Сейтегим келди. - Айымгүл кубанычы койнуна батпай жадырап тосуп алды, - Чүрөгүм айтып эле атты, байкем келет апа, Сейтек байкем келет деп, кудайдын ушунусуна шүгүрчүлүк, байбиче.

- Кут болсун Айым, кудай деген жан экенсиң, - үйгө божурап кирип келишти. - Оо солдат балам, аман келдиңби айланайын?

Сейтек кирип келген кемпир-чалдарды көрүп ордунан тура калды эле Чүкөдөй кемпир аны эки бетинен шалп-шалп эттире өөп койду. - Ырысы чоң экен апаңдын, минтип эсен кайттың, балам.

- Келиңиздер! - Сейтек сыпаа гана келгендерди өйдө өткөрүп өзү четке мандаш токунуп отуруп калды.

- Көп жашайт экенсиң уулум, сенден кара кагаз келди деп жүрдү эле апаң, обкомдун печети койулган кагаз далайыбыздын үрөйүбүздү учуруп, жүрөгүбүздүн үшүн алды го?

- Ооба, кээде жаңылыштыктар боло берет да, эми ойлосом ата-бабанын арбагы колдоду окшойт, өлүп-тирилдим, үч сутка тил-оозу жок жатып калыпмын, ошондо мага бир укмуштуудай сыр берди, мен ошол эчтемени сезбей жатканда негедир терең ойго, караңгылыкка түшүп эле кетип атам, көзүмө балачагым, атам менен апамдар, инилерим, кайра туруп өлгөн чоң ата-чоң энемдер көрүнүп жаным жыргай мемиреп шумдуктуудай сонун жерге туш болдум, аерде менин чоң атам жүрөт, анын жанына барып эми отуруп жайылып турган дасторкондон бир нерсени алып жей койойун дегиче эле "Манас, Манас, Ураа-а, Манас!", - деген үндөр кулагыма угулуп заматта мени алып учуп жөнөдү. Мени көтөрүп учкан куш же адам экенин билбейм, бирок асманды көздөй учуп баратканымды билем. Чо-оң дарактын башына түшүп ошондон түшө албай тырмышып жатып көзүмдү ачсам, мен ошол кезде кыймылдап "суу, суу", деген экенмин. Ошондо кана докторлор менин жашай турганыма көзү жетип кайрадан укол сая башташты. Бирок мени айыктыруу өтө кыйынга турду окшойт, башым эле сыздатып ооруп жанымды көзүмө көрүнүп абдан кыйналдым… - Сейтек унчукпай калды.

- Ушунчалыгына шүгүр, кудайдын буйругу менен Манас атанын арбагы колдогон экен, - Айымгүл ары басып, бери басып конок камын көрүп жүрүп да жылмайып атты.

- Ошону айтсаң, арбагыңдан айланайын, Манас атанын арбагы айрыкча кыргыздын элин чоң сактады, болбосо пашисттерди оңой менен жеңе албайт элек, - коңшу кемпир шыпшынып алып улам чайына набат салып ичип отурду.

- Биз кетишибиз керек эже, уулуңузду аман-эсен колуңузга тапшырдык, - келген кишилер ордунан козголо кетүүгө камынгандай Айымгүлдү карады. - Бу сиз эл ачарчылыкта жашап атса набат ичип жакшы турат турбайсызбы?

- Оо балакетиңди алайын, кудайга шүгүр элебиз, башынан оокат-аштуу жандарбыз, кетем дебей отургула, кой сойуп коноктойбуз, анан кетесиңер. Бүгүн кетпей эле жатып алгыла!

- Конок койдон жоош деген, унчукпай сый көрүп кеткиле, - коңшулар да коштогондо тигилер унчукпай калышты.

Үйгө айылдын элдери биринин артынан бири келип толуп калышты. Сейтектен ар кайсыны сурамжылап, согуш жөнүндө угууга кызыккан кыштак эли улам суроо беришип, өздөрүнүн балдары, күйөөлөрүнүн дайынын билгиси келип атышты. Аларга Сейтек бир жылдай госпиталда жатып калганын айтып кечирим сурады:

- Апалар, эжелер, ишенсеңиздер өзүмдүн бир тууганымды да көрбөдүм, бараары менен даярдоо бөлүмүнө кирип бир айдан кийин экөөбүздү эки жакка бөлүп жиберген, ошол бойдон дайынын биле албадым, жарадар болуп акыректен ок жегенде чалкаман түшүп ташка кара кушум тийген экен, баш оорудан жабыр тартып акыры алдыңарда отурам.

- Иий айланайын, өмүрүң узун болсун эми, апаң байкуштун ырысы тоодой экен, минтип эсен келгениңе сүйүн.

Ар кимиси ар кайсыны айтып, чай ичилгенден кийин Айымгүл бир чоң койду жигиттерге сойдуруп конок камын көрүп атып Чүрөктү алып келгенге бир баланы ат менен жөнөттү. Түн бакырдыкы деп айылдын аксакалдары менен колхоздун аттуу-баштуу активдери калышты. Келген конокторду сөзгө тартып отуруп колхоздун башкармасы Сейтекти карады:

- Бир аз күн эс ал, анан колхоздун белдүү кызматчысынын ордуна койом.

- Аксакал, мен окуумду улантсамбы деген ойум бар, экинчи курстан кеткем, жумуш кайда качмак эле, окуп алайын.

- Аб-баракелде-е, окубай анан, окуп-чокуп билим алганга жетеби, андай болсо жакшы экен.

- Балдарымдын экөөнү тең окууга жөнөтүп биз биякта жүрсөк согуш чыгып, ошояктан эле кетирип ийиптир, Курманбегимди айтсаң, бир кабар жок кетти! - Айымгүл жашып алды.

Койдун эти бышкыча түн кирип кетти. Тамактанган коноктор айыл аксакалдары кеткенден кийин жатып калышты. Айымгүл аларга кетээрде бере турган акчасын дайындап койду. Эртеси эрте туруп аларды жөнөтүп эне бала чай ичип отурганда Чүрөк күйөөсү, кайната-кайненеси болуп келип калышты. Карындашын көргөн Сейтек анын кичинекей там-туң басып жүргөн уулун көтөрүп алып кубанып отурду:

- Убакыт учкан куш деген чын тура, Чүрөк биз окууга кетип жатканда сексеңдеген секелек кыз болчу.

- Седепчи, ал азыр аспирантурада окуп жатат, күйөөсү экөө тең окумуштуу болушат экен. Силердин айылдан кеткениңерге он жылдан ашыптыр, көрүнгөн тоонун ыраагы жок деген ошо да, уулум.

Куда-кудагыйлары учурашып, чай-пай ичип конок болуп эле кетүүгө камынышты. Манатбек менен Чүрөк калып калышты. Кирип чыгып тиричилик менен алпурушуп жүргөн Айымгүлдү карап туруп Сейтек ичтен кейип турду: "байкуш апам, балдарынан, күйөөсүнөн ажырап өзүн таштабай өзүн калбаат кармап жүргөнүн кара, эми атам менен Курманбек тирүү келип калса жакшы болот эле", деп ойлонуп отурду. Келгенден бери он чакты күн өтсө да Сейтек Чүрөктүн кичинекей уулу Максатбек менен эрмектешип ары-бери көтөрүп чулдураган тилине кызыгып кайра-кайра сүйлөтүп кумардан чыга берет, тажабайт:

- Максат, мени жакшы көрөсүңбү?

- Ооба, жашы көйөм, - колун оозуна салып балалык сүймөнчүлүк менен жооп берди.

- А мен киммин, сага эмне болом?

- Таке болочуң.

- Ой азамат десе. сенин атың ким?

- Мачат… - баё күлүп койду.

- Таенеңди жакшы көрөсүңбү?

- Ии…

- А атаңдычы?

- Ийи…

- Азамат, жээним, - Сейтек Максатбекти жерден так көтөрүп ала койуп айлантып жатып бала колунан түшүп кете жаздап теңселип барып баланы акырын жерге түшүрдү да башын мыкчый отуруп калды.

- Эмне болду, балам? - Айымгүл анын купкуу болуп кеткен өңүн байкай жанына жетип келди.

- Апа, апа, үйгө кирейинчи, башым башталды окшойт, - деп Айымгүлдүн жетегинде үйгө кирип башына бийик койуп жатып калды, оңоло албай онтоп жатты. Жан алекетке түшүп кара тер баскан уулунун оорусун колунан келсе чымчып алып таштагысы келген эне чебелектеп жанында:

- Басылдыбы балам, басылайын дедиби?

- Дарымды алып бериңизчи? - зорго айтты Сейтек, - Бул оорудан оңой кутула албайм го?

- Сакаясың балам, айыкпаган оору болбойт, мына отуз экиге чыгып калдың, үйлөнүшүң керек, ошондо ооруңдун кайда кеткенин билбей каласың.

- Койчу апа… - Сейтек сүйлөгүсү келбей онтоп жатты. Ичкен дары бир аз жардам берди окшойт кечке маал эс алып уктап калды. Бирок көпкө жатпады, башын мыкчып алып дагы түнү менен чыдабай чыкты. Катары менен он күндөй башы чыдатпай ооруганынан жабыр тарткан Сейтек Седеп күйөөсү эки баласы менен келгенде эс алып уктап жаткан. Алар Айымгүл менен учурашып Сейтекти ойготуп алуудан аяп сырткы бөлмөдө отурушту. Чүрөк эжеси менен жездесине чайын куйуп, кайра тамак жасоого өттү. Койдун көңүнөн калап, чоң казанга суу куйуп эт салып жатканда Айымгүл аны токтотту:

- Чүрөк, токто кызым, Седеп менен Тобокел эки балалуу болгондон бери келе элек, буларга арнап сойуш сойбосок болобу?

- Ма-акул апаке, алтын апам ай, балдарың үчүн бир жаралган асыл аялсың го?! - Чүрөк басып келип энесине эркелей кучактап өөп калды, - бая күнкү сойгон этиң түгөнө элек экен го?

- Кой кызым, бу илимпоздор келгенде бирди сойбосок таарынып калышпайбы?

- Апа, соймок турсун эчтеме жасабай койсоңор деле биз эч качан таарынбайбыз, анткени биз үчүн жасаган эмгегиңди акташыбыз керек, ээ Тобокел? - Седеп жылмая күйөөсүн карады.

- Ананчы, апа убара болбой эле койбойсузбу, ансыз деле сиз гана бизди колдоп келе жатасыз.

- Садага болойундарым десе, силерди мен эмес таятаңардын байлыгы колдоп атат, атам байкуш болгон байлыгын мага таштабаса кудай билет өз жаныбызды бага албай жүрмөкпүз, ошон үчүн таятаңарга куран окуй жүргүлө!

- Ошентсе да, ошону үнөмдөп ар бир балаңызга жеткиргениңиз акылмандык да.

- Аны үнөмдөөнү атаңар үйрөткөн, мен бийдин кызы болуп анча-мынча кийимди кийбей канча ирээт чачып жибере жаздаганда Атабек байкуш: "Ээ Айым, этият бол, жалгыз эмессиң, беш бала турат, ар биринин келечек жашоосун биз гана жолго салышыбыз керек, эл кыйналып турганда сен шайы-шалпырга оронуп алсаң бизди текшерип жоопко тартышы мүмкүн, анткени мен колхоздун жетекчиси катары жооп берип калам. Ошону үчүн эл катары болгонуң оң, деп өзү да колдогон жок, негедир байлыкка кызыкпаган жан эле…

Ушул учурда Сейтек үйдөн чыга калды. Седеп ордунан туруп келип агасын кучактай ыйлап ийди:

- Аман-эсен келдиңби, байке?

- Кудайга шүгүр, мына алдыңарда турам, өзүң чоң киши болуп калыпсың, ыйлаган сага кантип жарасын? - жылмая карындашын эркелете маңдайынан өпкөн Сейтек Тобокелге кол берип учурашып кичинекей жээндери менен колун суна:

- Ассалоому алейкум, азаматтар? - деп эркелете учурашып кичүүсүн колуна алганда Айымгүл:

- Көтөрбө, балам… - деп чыйпылдап ийди. Ошондо баланы көтөрсө эле башы ооруп кетчүдөй коркуп кетти.

- Эчтеке болбойт, апа! - Сейтек болбой эле аны көтөрүп алып эркелетип кирди.

- Ооруп каласың деп атам, уулум…

- Эмне, башыңар ооруйбу? - Седеп чоочулай сурады.

- Карындашым доктор болуп турса эмнеге оорумак эле апа, кызыксыз да? - Сейтек күлө карап койду.

- Апа, бизге сойуш сойуп убараланбай эле койсоңуз болмок, жакында атамдар да келишет, кайра-кайра чабыла бергениңиз болбойт, - Тобокел Айымгүлгө карды.

- Алардын өз насиби бар да, кагылайын, тоодой-таштай окумуштууларды жакшылап коноктобой койсок болбой калбайбы? - Айымгүл эки небересин эркелете карап койду, - Ээ күчүктөрүм?

Бабыраган бир үйбүлө көптөн бери көрүшпөгөнгө сагынышып калгандай сөздөрү түгөнбөй атты. Эки-үч күн жүргөндөн кийин Седептер кетишти. Айымгүл аларга сүр эттеринен, сүзмө май берип жөнөттү. Алар кеткенден кийин Чүрөк:

- Апа, биз да кетели эми, үйүбүздүн азыраак жери калды эле, кыш кирип келе электе бүтүрүп кирип алалы, бир айга жакындап жүрүп алдык, иштин баары калды, - деди.

- Мейли садага, эми уулум экөөбүз оокатыбызды жасай беребиз, эми Сейтегим үйлөнгөндө келесиңер, ага чейин тамыңарды бүтүрүп кирип алгыла, - деген Айымгүл аларга дагы чоң куржун көзүн толтура сүзмө, май, эт кылып салып берди да, экөөнү ат менен жөнөтүп карап турду. "Ээ жараткан ушунуңа шүгүр, эки кызым өзү менен өзү болуп калды, Сейтекти үйлөнтүп койсом буларга шаардан үй алып берип, окуусун окуп, оорусунан сакайып алса", деп ойлуу үйдү карай басты.

- Ээ апа, бу кыздарың бажырап келип, балдарын көрсөтүп койуп кетип калып эриктиришет го, аларга көнө түшүптүрмүн.

- Садага болойун, алар бирөөнүн бүлөсү да, өзүң үйлөнүп балалуу болсоң үйүбүз толот. Саринжи үйлөнсө биз биякта, сен шаарда жашап биз барып турабыз, - Кубанычтуу уулун карап койду.

- Апа, үйлөнчү кыздар барбы айылда? - Сейтек уялыңкы жылмая жер карады.

- Кыздарды чекесинен чертип аласың, жакшы жерден издейбиз, сага жакса эле алып берем.

- Мага эмес сизге жаксын, сизди жакшы карай турган болсун.

- Мени кудай алмак беле, өзүңө татыктуу жар болсун балам, мен Саринжи менен калам, шаарда жашайсың, окууңду улантып адам бол!

- Көрөбүз апа, ушул оорудан айыгып алсам… - Сейтек ойлуу үйдү көздөй басты. Айымгүл да уулунун тагдырынан сарсанаа болуп артынан кирди.

Айымгүл отуруп да туруп да айылдагы бойго жеткен кыздарды ойлонуп отуруп өзүнүн көңүлүнө жагып жүргөн өңдүү-түстүү кыздар кимдин кызы, тектүү-тексиз экенине чейин таразалап атты. Эртеси Сейтек өзү айыл кыдырып чыкты. Жаштардан бойго жеткен кыздар көп эле, бирок жигиттердин көбү фронтко кетип кээси кайтпай келгендери оорукчан же мунжу, бири буту, бири колу жок болуп, жарым жан болгондуктан кыздардын көбүнүн башы бош эле. Кээ бир кыздарды арга жок улуу болсо да колунда бар күйөөгө берип койушчу. Сейтек көчө бойлой келатып суу көтөрүп келаткан ак жоолукчан кызды көрүп калды. Анын келин экенин айныксыз тааныды. Анткени кыздар чачын майда өрүп, келиндер жоолук салынчу. Колунда бардын кыздары үкү тебетей кийчү: "бул кимдин келини болду экен", деп үйүнө келди. Басса-турса кашы тийген айдай кыйгач, мурду кырдач, кара көз, ак жоолукчан келинди ойлой баштады.

Кеч күз, элдин баары кырман бастырып, күзгү жыйым-теримде болгондуктан Айымгүл да күндө талаага барып кол кабыш кыла турган. Сейтек ошол күнү талаага атайы барып ак жоолукчан сулууну көз кыры менен издеп жүрдү. Тээ четте беш-алты келин-кыз менен ыр ырдап, орок оруп аткан экен. Байкатпай карап туруп, анан үндөбөй элдин арасында кеч күүгүмдө элдин алды тарай баштаганда да Сейтек келинди карап турду. Ал келин элдин аягында арыктагы сууга жайма-жай жуунуп алып анан чачын түйдү да жоолугун артына байлап, үйүнө жөнөдү. Капысынан чыга калгандай болуп жолунан Сейтек чыга калды.

- Арбаңыз, чоң кыз?

- Бар болуңуз, жигит! - Барчынай жооп берип койуп кетип жаткан жолунан калбай баса берди.

- Чоң кыз, бир сиз менен баарлашып бассак болобу?

- Жигит, таанышам десеңиз айылда кыздар көп, менин башым бош эмес, же келин менен кызды айырмалай албайсызбы?

- Кечирип койуңуз, ошентсе да… мындай да… - Эмне дээрин билбей Сейтек сөздөн кармала калды. - Жөн эле катар басып сүйлөшүп барсак деген эле ой, кимдин келини болосуз, күйөөңүз ким? - Сейтек жылмая карады, - Менин ысымым Сейтек.

- Кыргыз келиндери атам замандан бери эле кайын-журтун тергейт, аны билесиз да, ал эми күйөөм согуштан кайтпай калды… - Барчынай улутунуп алды… - менин атым Барчынай.

- Кечирип койуңуз, айбымды мойнума алдым, балаңыз барбы, Барчынай?

- Жок, балалуу боло электе эле кеткен, үйлөнгөнүбүзгө бир ай боло электе согуш чыгып…

- Жаман болгон экен…

- Ошондой, мен жөнүндө толук билдиңиз, жолумду тоспоңуз дейм? - Барчынай сумсая тике карады.

- Жолуңузду тосконго акым жок, бирок үйүңүзгө чейин узатып койсом болобу?

- Жок, кайненемдер көрсө уят, ансыз да баласын күтүп күйүп жүрөт, күндө жанымда кичине кыз жүрчү эле, ал бүгүн ысытмалап үйдө калган.

- Кайтарып жүрөт тура?

- Ошондой, - Барчынай тез-тез басып жөнөдү. - Жакшы калыңыз!

- Жакшы барыңыз, - Сейтек андан ары кошо басууга даабай узата карап кала берди.

Айымгүл уулун кубана тосуп алды. Ал бүгүн орок оргонго барбай айылдагы аттуу-баштуу деген колунда бар кишинин үйүнө барып атайы кызын көрүп келген. Бурулча он алтыга толуп толо элек чырайы менен акылы келишкен кыз эле. Айымгүл Сейтек макул болсо ошону көрсөтүп дароо эле жагып калса үйлөнтмөк болуп отурган.

- Уулум, кайда жүрдүң кечке, мен келин болчу кыз таптым, сага жагат, сен макул болсоң кыш түшө электе кызды киргизип алалы, атасы жок дебейт, мага кыз жакты, акыл-эстүү чырайы келишкен кыз экен, эми бойго жетип калыптыр.

- Апа, азыр үйлөнбөй эле турайын, жазга чейин өзүмдү карап оорумдан сакайып кетсем окуумду улантайын, шашылыш жок… - Сейтек жок дегенде кызды көрүүнү ойлободу, анын эси-дартынын баары Барчынайда болуп калган: "келин болсо эмне экен, өзүмө жакса болду да, чынында аны сүйүп калдым окшойт, апам каршы деле болбойт, Барчынай макул болсо болду", деп жатып алып ойлонуп атты. Айымгүл кайрып сөз айтпады? "Көңүлү ооруп калбасын, өзү билгенин каалаганын кылсын, менин маңдайыма эсен келип отурганы олжо", деп андан кийин кыздар жөнүндө сурабады, кеп кылбады. Сейтек болсо Барчынайдын артынан түшүп жүрүп акыры андан мындай деген сөз укту:

- Сейтек, менин күйөөмдү угузганга жыл толо элек, ашын бергенден кийин төркүндөрүм келип алып кетишет, ага чейин мен эч ким менен жолукпашым керек, - деп ыйлап жиберди, - Уятка калтырбаңыз, мен шерменде болуп калбайын.

- Макул Барчынай, мен сени өмүрүм өткөнчө күтүүгө даярмын! - Экөө эки жакка бөлүнүп кетти. Ошол бойдон экөө жолугушпады, Сейтек да анын жаман атты болушун каалабады. Кыш кетип жадыраган жаз келди. Барчынайдын карасын чечип, башын азат кылышты. Сейтек ошондон тартып үч-төрт жолу жолугуп сөз бекигенден кийин Айымгүлгө айтты эле ичтен жактырбаганы менен аргасыз макул болду. Өзүнүн башынан өткөндү бир сыйра эстеп мыйыгынан жылмайып алды: "көңүл көксөсүн суутпайын баламдын, өлүмдөн кайтып, оорудан жабыркап жүргөн немени өз ойуна койойун, Барчынай деле күйөөгө тийген менен кайсы жыргалды көрдү, ал деле жаш, ата-энеси жаман адамдар эмес", деген чечимге келди да кадимки салт бойунча кол менен алды. Тойду өрөөндө болуп көрбөгөндөй жасап, келинин киргизип алды. Сейтек анда-мында ооруганы болбосо баягыдай оорубай калды. Барчынай экөө абдан ынак, бири бирисиз тамак жебейт, отурбайт. Уулунун көңүлү ачык жайдары жүргөнүнө эне ичинен кубанат.

- Барчынай, уулумдун жайдарылыгын көрүп эле бактылуумун, мындан ары уулумдун тагдыры сенин колуңда балам, жакында шаарга кетесиңер, окуусун улантат, окугуң келсе сен да окуу, эгиз козудай ээрчишип бирге жүргүлө, ынтымактуу болгула.

- Апа, Сейтекти көзүмдүн карегиндей карайм, биз ынтымактуу болуп түбөлүк бирге болобуз, - Барчынай кайненесине ант берип жаткандай ишендирүүгө аракет кылып жатты.

- Ошенткиле садагаларым. - Айымгүл көңүлү жайлана келинин эркелете ээгине өйдө көтөрүп чекесинен сүйдү: "аттиң, жаштык деген кандай гана кайталангыс алтын курак, мен да жаш кезимде ушундай сулуу болсом керек, атамдын Кокондон алдырып берген күзгүсүнөн көрүнүп өзүмдү жанга теңебеген эркелигим… " улутунуп алды. Чынында Айымгүл дале ажарлуу, эки бетинин оту кызыл, көздөрүнүн алды болоор болбос бырыш түшкөн менен жаш көрүнчү.

Жаз алдында эгин эгип, жер айдоо бүткөндөн кийин Сейтек аялын таштап шаарга кетти. Он чакты күн өткөндөн кийин эле кеч күүгүмдө келип калды.

- Балам кеткениңден келгениң бат болду, кандай ишиң, окуй турган болдуңбу?

- Ананчы, өзүм окуган мединистутка үчүнчү курстан окумай болдум, тезирээк барып жашай турганга үй даярдаш керек.

- Садага болойунум десе, окуп ал, тиги Саринжиге жолуктуңбу, ал дегеле келбеди го, мен өзүм барып жолукмайын келбейт беле?

- Анын окуусу жакшы апа, эмдиги жылы окуусун бүтөт экен, анан ал дагы илим жактаганы тема тандап алып ошонун үстүндө иштеп жатыптыр, ал кадыресе киши болуп калган тура?

- Карааныңардан кагылайындарым, атаң ушунуңарды көрсө болбойт беле?! - үшкүрүп алды.

- Апа, кайгырбаңыз, ал дагы адашып бир жерде жүргөндүр, келип калат бир күнү, - Сейтек апасын жайгара сүйлөдү.

Барчынай менен Айымгүл даярдана баштады. Жетинчи күнү үйүнө Чүрөк менен Манатбекти койуп Айымгүл аттап-тондоп Фрунзени көздөй жөнөдү.

Манатбектин арам ойуу эми ишке ашчуудай кубанып Айымгүлдөрдү жөнөтүп жатып:

- Шашпай эле шаарга эс алып келиңиз, биз турбайбызбы, ууру-кескиден кудай сактасын, - деп шыпылдады. Чүрөк экөө Максатбекти эркелетип ал күнү жатып калышты. Чүрөк бул кезде экинчи жолу бойунда бар эле. Эртеси Манатбек кайдадыр жөнөп кетти. Ал мурунтан эле өз айылынан үч теңтуш балдары менен сүйлөшүп алтынды алып чыгып кетүүгө макулдашкан. Чүрөк баласы менен кечке Манатбекти күтүп отуруп жатып алышкан эле. Түн бир оокумда сырттан дүбүрт чыкканда ойгонуп: "Манатбек келди окшойт", деп турбай жатып алды. Кайра көзү илинип кеткен экен, калдыр-кулдур дабыштан ойгонуп бүлбүлдөгөн чыракты көтөрүп алып сыртка чыкты. Короонун ичинде кепенин эшиги жакта кобур-собур чыгып жатканынан:

- Ой ким бул, ал жерде эмне кылып жатасыңар?! - деп кыйкырганда бирөө ага жетип келип оозун басып калды. Ошондо жертөлө жактан: "Аа-ай!" деген ачуу чыңырык чыкты эле Чүрөктүн оозун баскан неме аны койо берип үн чыккан жакка жүгүрдү эле анын артынан Чүрөк да жүгүрүп кирип барып бирдемеге чалынып көмкөрөсүнөн жыгылды. Көрсө тигилер бирин сыртка койуп Манатбек менен үчөө жертөлөгө киргенде биринчи кол узаткан Манатбекти жылан чагып алыптыр. Аны тигилер зорго көтөрүп чыгышканда Чүрөк эс-учун билбей жаткан. Манатбек кара терге түшүп колунун ооруганына чыдабай онтоп жатканда бири үйгө кирип бычак алып чыкты да колунун жылан чаккан жерин кесип ийди. Чүрөктү үйгө алып кирип төшөккө жаткырганда зорго эсине келди да:

- Силер кимсиңер, биерде эмне кылып жүрөсүңөр? - деди араң зорго үн катып.

- Бизди Манатбек алып келген, аны жылан чагып алды, абалы оор, - деди бири.

- Айбан! - Чүрөк онтоп алды, анын жаны кыйналып ичи бурай баштаган. Кайрадан эсин жоготуп койду. Манатбек уусу тарай электе кесип таштаганга эс ала түшүп тигилерге:

- Мен ит болдум, бул болду болбоду ата арбактардын арбагы, кыскасы алтындын ээси, муну алабыз деп бөөдө өлбөйлү, силер кете бергиле, - дегенде бири:

- Ансыз да кетебиз, аялың кыйналып атат, сен үйүңө кир! - деп койуп аттарын минип жөнөп кетти. Манатбек кыйналып жаткан аялын көрүп коркуп кетти. Жүгүрүп эшикти көздөй жөнөп коңшу кемпирди чакырып келип:

- Энеке, жардам бериңиз, Чүрөк кыйналып жатат, айы боло элек болчу… - деп коркуп кетти. Кемпир келиндин кан кетип кыйналганын көрүп чоочуп кетип Манатбекти башка аялдарга жөнөттү:

- Тур балам, дагы эки-үч аялды чакырып кел, козголуп калган го, төрөөр айы боло элек болгон менен токтото албайбыз, келин өзү аман калса болду.

- Азыр… - Манатбек эшикке атып чыкты, ал Чүрөктүн катуу жыгылганын көргөн эмес; "катуу чоочуп калды окшойт, эми эмне кылам, аман эле болсо экен", деп эки0үч үйдү таң каракчысындай каккылап ээрчитип келди. Алар келгенде Чүрөктүн алы кетип алда качан бала түшүп, өзү оор абалда болгон болчу.

- Бу келин жыгылган го, ичи катуу тийиптир, эми келинди жакшы карайлы, тур айылдагы бакшы кемпирди алып кел! - деди коңшу кемпир. Манатбек айласы кетип эми сыртка жөнөгөндө Чүрөк араң оозун кыймылдатып:

- Эч жакка барба, мен болбой калдым, Максатбекти жакшы кара, алтын деп жүрүп менин убалыма калдың… - деп көзүн сүзө кете берди. Турган ордунда делдейген Манатбек Чүрөктүн жанына жетип келип ыйлап жиберди:

- Чүрөк, мени таштай көрбө, уулум экөөбүздү антип таштап кетпе! - деп кучактай жыгылды. Кандай анын үнүн укмак, сунала өңү купкуу болуп жансыз жаткан Чүрөктү кучактап алып бакырып жаткан Манатбекти кемпирлер сооротуп жатты:

- Ээ балам, боздогонуң бекер, эми башыңды ташка урсаң да кайрылбайт, тиги байкуш Айымгүлдү алдыралы, эртерээк бирөөнү жөнөтпөсөк кеч болуп калат, ал эми келинчегиңди үйүңө алып кеткиле.

- Кантип, эмне деп айтам, кечээ эле жакшынакай болуп агасы менен апасын, бир туугандарын узатпады беле?!

- Жазуу, тагдырдын пешенеге жазган жазуусунан эч кайда качып кутула албайсың, төрөттөн кеткен аялдын тиги дүйнөсү жарык болот, бейишке чыгат, сен эмне жыга чаптың беле, кудай жазганы, - Коңшу кемпир ээрдин улам "шылп" эттирип койуп айтып отурду.

- Ырас-ырас, кудайдын жазуусунан тышкары кумурсканын буту сынбайт балам, тур эртерээк кыймылда! - дегенде Чүрөктүн суналып жатканын дагы бир жолу карап алып ички үйгө кирди, уулу эч нерседен капарсыз уктап жаткан болчу: "Эмне кылам, мен.. мен өлтүрдүм, оо кудай, Чүрөгүмдү өзүм өлтүрдүм!", деп ичи от менен жалын болуп күйүп сыртка чыкты, чыкты да таң агарып жерге жарык жалпы тарап калгандыктан үңүрөйүп турган кепени карап жүрөгү зырп этип алды, түндөгү жылан чаккан жерин кесип таштаган колунун таңуусун кармалап алды: "эгер билген адам болбогондо уу тарап мен да өлмөкмүн, багыма Санатбектин жыландын уусун кесип койгону жакшы болуптур", - деп ойлонуп атын минди да ата-энесин көздөй жөнөдү. Эки-үч кемпир бир топко отуруп Айымгүлдүн жүгүн оодарып Чүрөктүн үстүнө жаңы кездеме жаап койушту.

- Капырай, бу-у Айымгүлдүн атасы толгон-токой байлыгын таштап кеткен го, дегеле нойубай жашап жатат, кийгенин көрсөң эми элде жок, өз ыктыяры менен мал-жанын өткөрүп бергенде башка байлыгын буга билгизбей берген окшойт?

- Билбейм ай, жана Чүрөк дагы өлөөр алдында күйөөсүнө, алтын деп жүрүп убалыма калдың деп көзүн жумду, мында бир сыр бар ай, дагы эле буларда алтын казына бар окшойт дейм?

- Ким билет, балким күйөөсү кайненеси жокто алам десе бул болбой койгондур?

- Ошондой болгондур… - Үч аял өздөрүнчө кобурашып отурганда коңшу кемпир чоочуп алды:

- Апээй ботом, өлүктү кайтарып отура тургула, мен бир уулумду тиги Пранзага жиберейин, антпесе Айымгүл байкуш кызынын жүзүн акыркы жолу көрө албай арманда калбасын, - ордунан туруп сыртка чыгып кетти.

- Ай Үпөл, үйүн карап көрбөйлүбү ыя, кокус бир тоголоктон алтын таап алсак бекитип алып балдарга пулдатып биз дагы адамдай жашап кетсек ажеп эмес.

- -Мен сыртты карап турайын, - Тоту сыртка чыгып баратып жаңы төрөлгөн наристени көрө койуп чоочуп кетти, - Ой Үпөл, бул баланы энесинин койнуна жаткырып койбойлубу ыя, адамгерчилик болбой калат го, өлүк көрбөгөнсүп экөөнү эки жакка таштабай?

- Ии-ий баса десең, кел экөөлөп жаткыралы, мен мунун жабуусун ачайын, сен баланы жанына жаткыр!

- Мына мен азыр… - Экөөлөп наристени Чүрөктүн жанына жаткырып жатып анын көзү ачылып турганын көрүп экөө тең чоочуп кетти:

- Ко-окуй ай, көзүн жаап, эл келгиче бечара кыздын кан-сөлүн жууп жаткырып оозу-башын, буту-колун түздөп таңып койолу, наала кылып жүрбөсүн, - деген эки аял өлүктү суу менен жууп буту менен колун таңып, үстүн жаап жаткырып койуп анан өз иштерине киришти. Үпөл үй ичин канчалык тинтсе да эчтеке таппады, ошол учурда Максатбек ойгонуп кетип аялга ээ бербей ыйлай берди. Тоту менен Үпөл чай кайнатып набат салып чай беришти, бир аз ичип алып кайра эле үнүн баспай ыйлап туруп алды. Аңгыча коңшу кемпир бүкчүңдөй кирип келди, анын артынан айылдын аял-эркектери агылып келип атышты. Баланы ар кимиси колуна алып сооротмок болсо да болбоду, акыры аны тестиер кызга беришти.

- Муну атасы келгенче ойнотуп турчу айланайын, дегеле басылбай койду, бала эмеспи, балдар менен ойносо алаксып калаар?

- Ооба, ырас эле ойноткула, шоруң каткыр ушул баланын убайын көрбөй жаштайында жайраган өзүнүн эле шору да?

- Бечара десең, Айымгүлдүн да шору көп экен, бири келип кубантып турганда бири минтип, - деген аялдар шыпшынып жатышты. Түшкө жакын Манатбек эки атка чегилген араба менен беш-алты киши болуп келип калышты. Айылдын башкармасы:

- Дарегин билесиңби күйөө бала, кызынын эле дайынын билсек, телеграмма ура койолу?

- Билем, - Манатбек кыпкызыл болуп ыйлагандан шишиген көзүн ала качып дарегин айтты эле ал жазып алды, - Мен бүгүн жөнөтөм телеграмманы, эки күндөн кийин келип калат.

Ошентип келгендер Чүрөктүн сөөгүн арабага салып Манатбек боздоп ыйлап атты. Кетээрде Манатбек короо жайын карап бекитип жүрүп кепенин оозу кулпуланбай калганын көрүп жүрөгү болк алды. Көзүнө түндөгү жылан көрүнө калгандай селт этип кетти. Акыры эшигине келип чоң кара кулпунун жерде жатканын көрүп: "тигилер түндө баарын алып кетип калган болсочу, анда кайненеме эмне деп айтам, уурулар келип деймби?" - деп бир топ ойлонуп туруп жердеги кулпуну алып кепени кулпулап анан ачкычты үйгө илип туруп коңшу кемпирге кайрылды.

- Эне сиз эми биякка көз салып туруңуз, - мал дагы короодон чыкпай калды, үйдө эле жатып туруңуз, - деди да топ ачкычты ага карматып арабага уулун алып отуруп жөнөп кетти.

- Кам санаба айланайын, карап турам, мал эмес чырактай кызы өлүп жатса Айымгүл малга кейимек беле? - деген кемпир аларды топтошкон элдин арасында узата карап кала берди.

Чүрөктү үч күн койбой күтүп калышты, үчүнчү күнү Айымгүл, Седеп күйөөсү менен, Сейтек, Саринжи болуп өкүрүп түшүштү. Кызынын бетин ачып чырылдаган эненин боздогонун көргөн адам чыдай алгыс эле, бир жагынан Седеп: "түгөйүм, бир боорум, кантип жумдуң көзүңдү, көрө албай арманда калдым мен шордуу!" деп жүзүн ачып алып бетинен, чачынан сылай боздоп атса, капшыттан Сейтек менен Саринжи, Манатбектер үнүн баспай турушту. Өлгөндүн жазасы көмгөн дегендей алда качан жайы даяр болуп калгандыктан түш оодарып көрүстөнгө койуп анын жанына наристесин кошо койду. Ошентип бул жоготуу алтын деген жан алгычтын алгачкы курмандыгы болду. Айыл ичин: "Айымгүлдүн үйүндө казына бар экен, кыз-күйөөсү талаша кетип аялын түртүп ийиптир, ичи катуу тийип ошондон өлүптүр", деген айың тарады. Ал айың Айымгүлгө жетпеди, кызынын өлүгү өзөгүн өрттөп кайгыдан азып баратты. Сейтек аялы экөө үч-төрт күндөн кийин эле Седептердин келген машинасы менен кетип калышты. Анан эмне өлгөндүн азасы бүтмөк беле, бир тууганын жоготуп кейип-кепчигени менен тирүүлүк өз өкүмүн жүргүзөт эмеспи.

Ушул учурда Манатбек менен келип алтындын изин көрүп калган экөө өздөрүнчө план түзүп жатышты: "Азыр үйдө жалгыз аял калат, биз аны жөн эле алып чыгып кетебиз. Байка, өлтүрүп албайлы, балдары жокто эптеп андан өз үлүшүбүздү алып калышыбыз керек, үч күндөн кийин сөзсүз түндө жолго чыгабыз, бизди билсе Манатбек билет, ага оозун баскыдай кылып берип койобуз, жылан кайтарганына караганда оңой эмес байлык бар болуш керек", деп чечишти.

Айымгүл чырактай болгон жыйырма үчтөгү кызын жоготуп кайгы басып жатканда Сейтек менен Барчынай келип калды. Аларга:

- Балам, үйдө оңор эмес алтын бар, таятаң атайы атаң экөөбүзгө берип кеткен, Үмөтаалыга зыяны тийбесин деп баарын мен гана үнөмдөп, ага да берип өзүбүзгө да урунганга алмаштырып жүрөм, алтындын изи билинсе жоосу көп, ашыкча бирөөгө оозуңардан чыкпасын, - деп айткан эле. Ошондуктан алтын алмашкан жайды таап сүйлөшүп койуп келишкен. Ошол түнү эл билбесин дегендей Айымгүл бир колуна бир идишке сүт алып бир колуна ысырык түтөтүп алып жертөлөнү көздөй түшүп баратты. Артында чырак кармаган Сейтек эңкейип босогодогу идишке сүт куйуп:

- "Азиздерим мен силерге тийбейм, силер бизге тийбегиле, атамдын аманаты биз кирели, уруксат бергиле?", - деп Айымгүл ийиле жүгүнүп сүттөн ары көздөй чачып койгондо жыландын бир сөзгө түшүнгөндөй идиштеги сүткө башын малып төрдөгү ийинге кирип кетти, анын артынан дагы үч-төрт жылан катарынан келип сүткө башын салып кайра ээрчите ийинге кирип кетишти, ошондо гана Айымгүл төрдө бурчта оролуп турган куржунду алып ичин ачканда, Сейтек:

- Ыя апа, мынча байлыкты эч кимге билгизбей кантип жашырып жүрөсүң? - деди таң калганын жашыра албай.

- Аа-а балам, антпесе болбойт, силер чоңойдуңар, өз энчиңерди бөлүп берип Үмөтаалыга акчалай гана бериш керек, аялы алп ооз неме бирөөгө айтып койсо момун инимдин шору катат, аял деген үнөмдүү болуш керек, сен мунун баарын өткөрбө, уулуңдун уулуна сактагын, ал эми Саринжиге мал көбөйтүп, аты чуулгандуу алтындын уругун үзбөсөм зыяны тийип жүрбөсүн.

- Апам аа-ай, болор болбостон корко бербеңиз да, биздин да акыл-эсибиз ордунда, Саринжиге болсо мунун кереги да жок, өзү окумуштуу болуп илимдин артынан түштү, керээлден кечке караганы кагаз.

- Ошентсин садагам, турмушта өз ордуңарды таап алгыла, сен дагы окууңду бүтүп үйбүлөң менен бала-чакалуу болуп бактылуу болсоңор эле болду эле.

- Кам санаба апакебайым, силердин артыңар менен ушул күнгө жетип мына мен да өрт кечип келдим, ооруман да айыккансып баратам.

- Ошентсең экен, кой кокуй, бабырашып тура бербей үйгө алып кирели, бир куржун көзүн азиздериме кайтартып ушул жерге куржун менен кошо көмүп кой, - Айымгүл колундагы баштыгына куржундун бир көзүн салып бүтүп, - муну эртең келип жер казып көмүп кой, биягы баарыңа жетет, - деди.

- Макул апа, таякеме эртең барып берип келейинби?

- Жок, аны чакыртып эле кел, өзүм кеңешейин, анын аялы алп ооз эле, көрүнгөнгө айтып койуп жоош момун иниме зыяны тийип жүрбөсүн.

Экөө баштыкты кармап үйгө киришти. Уйутулган тай туяк чөйчөктөй, кашыктай болгон алтындарды көрүп Барчынай таң калып бирок сыртына билгизбей: "бул байлык менин колума түшөт да, алтынды көргөнүмө тобо-оо", деп үндөбөй туруп калды. Төркү бөлмөнүн бурчуна ачып Айымгүл Сейтекке көрсөттү:

- Балам, мына бул жерди каз дагы сырттагы чоң тепшини алып кел дагы ошол баткыдай кылып муну ошого салалы, үстүн кайра шыбап койолу.

- Макул, - Сейтек тепши баткыдай кылып казып, тепшини салып, ичине алтынды салды да үстүнө талпак таштап түндөп шыбап койду. Өзү беш гана тай туяк алтынды алып бекем ороп салып алды. Үч күндөн кийин Сейтек менен Барчынай кайра кетишти. Айымгүл жалгыз калды: "быйыл Саринжим окуусун бүтөт, үйлөнтүп койсом, шаардан эле үй алып берип өзүм кошо кетейин, балдар аякта болсо жалгыз куурап калат экемин", деп ойлонуп жатып уктап кетти. Түшүндө атасы кирип: "эки жагыңды кара, сак бол кызым", деп колун шилтеп жатыптыр. Ойгонуп кетсе түш экен. Ойгоо жатып ары-бери оодарылып: "капырай бул эмнеси, эртең куран окутуп койойунчу", деп ойлонуп бүткөнчө эле сырттан дүпө-дүп эткен дабыш чыкты. Ордунан тура калып сыртка чыга берээрде каалганы карсылдата тээп үч киши кирип келип эле:

- Кана, алтын кайда, каякка каттың кемпир? - деп муунтуп кирди бири.

- Айланайындар кайдагы алтынды айтасыңар, эчтеке жок! - деп жалынып-жалбарып баштады.

- Эй жез кемпир, күйөө балаң бизге көрсөткөн, кызың жөн эле төрөттөн өлдү дейсиңби, алтын үчүн өлдү билсең, тап азыр, эгер таап бербесең өлтүрүп кетебиз, - дешип бири бычак такады.

- Эчтеке жок, алсаңар менин жанымды аласыңар, башка эчтеке таппайсыңар, силер эмес мен таппай калдым, ордунда жок болуп ким алганын билбей калдык! - Айымгүл калп айтты.

- Жалган, эч ким алган эмес, жыландар ээлеп алгандан кийин кире албай калгам.

- Калп! - бири Айымгүлдү бир тепти эле камгактай учуп дубалга тийип эч нерсе билбей жатып калды. - Желмогуз катын калп айтып жатабы же катыны өлгөндөн кийин Манатбек ташып кеттиби? - дешип кобурашып үйдү үч көтөрө тинтип, сандыгын сындыра тээп ачып андагы чай, кант, набат, кымбат баалуу кездемелерин алып алышты да чыгып баратып, - бул келсе Манатбектин колунан келди, бизге айтып койуп өзү алып кеткенин кара, бүгүн түнү катынынын артынан жөнөтөбүз, шашпа сениби! - деп ызырынып чыгып кетишти. Айымгүл көптөн кийин эсине келсе үйү чачылган, сандыгы талкаланган, үрөйү учуп үйүн бекитип коңшу кемпирди ойготту:

- Эжекебай, ачыңыз эшикти, мени өлтүрүп койо жаздады! - деп тызылдап жатканда эшик ачылып:

- Ботом түн жарымында эмне болуп кетти? - чоочулай караган Турсун аны үйгө киргизди, - деги тынччылыкпы?

- Кайдан Турсун эже, кайдагы алтынды айтып бир кужураган эмелер өлтүрүп койо жаздады, үйдүн тымтыракайын чыгарып издегенин таппай кетишиптир, башым катуу тийип эсимди жоготуп койгон экенмин, кеткенин билбей калдым, - Айымгүл солкулдай ыйлап жатты.

- Койо турчу, алтын дейсиңби? - бүшүркөй сурады коңшусу.

- Ооба…

- Баса, бул жөнүндө баягыда Чүрөк дагы күйөөсүнө нааразы болуп…

- Эмне дейсиз, Чүрөкпү?

- Ооба-ооба, алтын деп жүрүп менин түбүмө жетмей болдуң деген.

- Оо жараткан ай!!! - Айымгүл ого бетер боздоп ийди, - чырагым ай, көрсө… - башка сөз айтпай бозоруп кимгедир өчөшкөндөй мисирейди: "Мээнетим гана ургур, кызым үчүн нени гана кылбадым, ошого ыраазы болбой кол салган окшойт, сени шашпа" деп кекенип алды.

- Чүрөк катуу жыгылгандай, ичи менен тийиптир, доктурдун жоктугунан мертинип калды. Айым. акыркы ирээт күйөөсүн карап нааразы көз караш менен ошенткен… - Турсун кемпир "Алтыныңар же казына бар беле?" деп сурамак болду, бирок унчукпады.

- Шордуум ай! - Айымгүл өксүп ийди, - мындай болоорун билгенде эмне?!

- Көп өзүңдү кыйнай бербе, анданбы, мынданбы, алла таала өзүнө керек болгон пендесин бир нерсени себепчи кылып алып кете берет, бечаранын маңдайына ошону жазган да..

Алар сүйлөшүп отургуча таң агарып жерге текши тийип таңкы айыл тиричилигине киришкенде Турсун менен Айымгүл үйүнө келишти. Үй чачылган, талкаланган, жоо чапкандай, сандыгы сынып, ичиндеги буйумдарынан эч нерсе калбаптыр. Айымгүл тобо келтирип турду ичтен: "Ажалым жок экен, бу да болсо атамдын арбагы колдогону, арбагыңдан айланайын атакем, бейишиңди берсин", - деп өзүнчө бетине алаканын тийгизе бата кылып алды:

- Түндө атам түшүмө кирип атыптыр…

- Касиеттүү кишилер да, сенин кыйналаарыңды билип ойготуп, балээден коргогон тура.

Аңгыча болбой бир жигит келип:

- Айымгүл эне, сизге кабар, жаман кабар алып келдик. Түндө бирөөлөр Манатбекти өлтүрүп кетиптир, кудаңыз сизге жиберди.

- Оо кокуй наалат күн! Эмне эле болуп кетти каран гү-үүн! - Айымгүл бакырып жиберди. Ошол турган жеринен эле үйүнө да карабай аттанып кетти. Ачылып-чачылган үйдү Турсун кемпир сыртынан бекитип, өз үйүн көздөй басты: "Капырай, мине балээ болуп атат буларга, демек мында алтындын бары чын, болбосо мынчалык болмок эмес. Эми шаардагы балдары аман болсо экен, мынчалык киришкен эмелер байлыктын изин билип алса соо койбойт", - деп ойлонуп баратып эч ким кирбеген, дайыма кулпулуу турган кепени бурулуп карап алды. Бул кезде ачык экен: "Ачык турчу эмес, алтынын алып кетишкен тура", - деп кайра артка карап кепени көздөй басты. Босогосуна жете бергенде туурасынан жаткан чоң жыланды көрүп чоочуй кайра жөнөдү: "Балакет баскыр ай, жылан кайтарган жерде оңбогондой байлык болот дечү эле", - деп үйүнө өзүнчө күбүрөнүп келди.

Айымгүл келгенде куда-кудагыйы ыйлап отурушкан. Айымгүлдү көргөн энеси Күйпүл:

- Оо кудагый, кандай күнгө кабылдык эле?! - деп башка сөз айтпай кучактап алып боздоп жатты.

- Кагылайындарым ай, өз баламдан артык көрчү элем го?! - деп Айымгүл өлүктүн бетин ачып чоочуп кетти, анын бети-башынан тамтык жок эле..

Түн киргенде Күйпүл Айымгүлдү үйгө элден бөлүп ээрчитип кирип:

- Кудагый, экөөбүз тең боорубуз менен тең балдарыбыздан айрылдык. Манатбекти чалажан үйгө киргизгенде атасы экөөбүз менен жалгыз сүйлөшөйүн дегенинен элди чыгарып ийип анын акыркы сөзүн тыңшаганга аргасыз болдук: "Ата, апа, мен күнөөлүүмүн, азгырылдым. Өзүмдүн өлүмүмө да, Чүрөктүн өлүмүнө да менин ачкөздүгүм себепчи болду, эми мени жакшылап уккула, алар жөн калбайт, Сейтек менен Саринжини да өлтүрүшөт, аларды сактап калгыла!" - деди да, кете берди. Сен биерде кармалба, тезирээк балдарыңа бар! - деди Күйпүл ыйлай.

- Оо шорум! - деген Айымгүл түнү менен кирпиктүү көзүн какпай чыгып, эртеси инисинин үйүнө барды.

- Эже, тынччылыкпы, таң атпай? - Үмөтаалы кулагы укпаса да эжесин үрпөйө карады.

- Кайдан тынччылык болсун, баягы алтындын азабынан Чүрөк да, эми Манатбек да өлдү. Тезирээк экөөбүз шаарга барбасак болбойт, алар эми Сейтек менен Саринжини көздөй кетишиптир!

- Эмне дейт, кудай сактай көр, мен… менин балдарыма да зыяны тийбегей эле?..

- Кудай сактасын, балам, - Айымгүл инисин кээде эркелете, балам деп койчу, ошол адатынча азыр да мээримин төгө жайгара сүйлөдү, - Түндөп бир жерди казып, өзүңө керектүүсүнөн башкасын кат да, эртеңден калбай бала-чакаңды алып шаарга көчүп кет, акчаң деле бар го, ошого эптеп бир кепе сатып алып, жаналгычтардын изи суугуча жашырына тургула!

- Болуптур, эже, - Үмөтаалы түндөп тамдын артынан чийдин түбүн казып улуу уулу экөө алтынды катышты да, үстүнө таш үйүп койушту. Ал белги катары кылган амалы эле.

Эртеси эле Айымгүл, Үмөтаалы үйбүлөсү менен атчан бел ашып кетүүгө үлгүрүштү. Дал ошол учурда жыландай жылып келаткан ажал Сейтекти бат эле таап алды. Барчын ошол күнү Седептин үйүнө конок келет деп кол кабыш кылганы кеткен. Седеп ошол күнү диссертациясын жактап жалаң мугалим менен окумуштууларды коноктомок, Сейтек окуудан кийин бармак. Анын окуган жеринен сураштырып сыртынан акмалаган үч киши артынан калбады. Ал учурда саналуу гана окумуштуу боло турган, илимдин доктору экөө-үчөө эле. Сейтек Седептикине баруудан мурун өз үйүнө барып анан жөнөмөк болду. Чак түштө эмненин коркунучу: "Саринжи келсе экөөбүз чогуу баралы", деген ойдо столго отуруп алып сабагын окууга киришти. Көп күттүрбөй Саринжи да келип калды. Экөө кийимин алмаштырып анан жөнөмөк болуп турганда сырттан бейтааныш үч адам кирип келди, бири кирип келатып эле эшикти ичинен илип алды. Экөө камынтпай даярдай келген бычакты такай экөөнү колдорун кайрып кармап алышты. Эшикти жаап келгени көздөрүнөн заарын чача экөөнү зекий сурады:

- Эгер жан керек болсо алтыныңарды түгөлү менен колубузга салгыла, болбосо жаныңардан үмүт этпегиле!

- Алтын-палтын деген оорубуз жок, силер кайдагы немесиңер, түрмөдө чиригиңер келип турабы?! - Сейтек жалтанбай тике карап жооп берип буту менен өзүн кармап турган немени бир тепкенде тизесин кармай аны койо берди. Бошонуп алган Сейтек беркисин төшкө муштаганда ал түйүлө туруп калды. ошондо Саринжиге бычак такап турганы:

- Бир тууган керек болсо биз менен мушташпай жакшылыкча алтынды бер?! - деди бычагын Саринжинин кекиртегине жакындата. Ордунан турган берки экөө да ага жармашып:

- Көзүңчө мууздап салабыз, сыйың менен алтынды бер! - деп ого бетер жаалданышты.

- Өлтүрө албайсың, менде алтын жок дебедимби, ким айтты силерге бизде алтын бар деп!?

- Манатбек!

Сейтек заары келе көзүнө күйөө баласы, карындашы келе калып: "Акмак, алтын бар дегенин кара, бул бизди кетирип ийип алтын үчүн Чүрөктү өлтүргөн экен", деп ойлонуп алаксый:

- Ошол Манатбекти кошо баарыңды түрмөгө тыгам! - дегенде баятан төрдө турган камчы менен Саринжини сабай башташты. Сейтек аларга жеткенде бири бычакты шилтеп калды эле Саринжи:

- Акмакта-ар?! - деп жулунуп барып Сейтекти баса калды, - байке, айланайын байке, өлө көрбө, мени таштаба!!! - деп ыйлап бети башынан өпкүлөп киргенде аны төбөгө бир уруп:

- Керек болсо сени да артынан жөнөтөбүз, тирүү калам деп атасыңбы?! - деп тоголото тээп-тээп жиберишти.

- Өлтүрө бергиле, баары бир алтындын жытын таппайсыңар! - деп тилин тартпай кошо мушташууга жулунганда аны дагы бири жүрөккө бычак менен сайып:

- Жүргүлө кеттик! - деп үйдү тинтип атканына кайрылды; Алтын булардын жез кемпир энесинде эле окшойт, болгула эртерээк кетип калалы! - деди да үйдөн чыгып кетишти. Жардамга келээр эч ким жок, экөө эки жерде кансырап бири-бирине колдорун сунуп эптеп жылып келип кол кармашкан бойдон жан таслим болду. Кайран жаштык, чиркин өмүр ушинтип алтындын айынан өмүрлөр кыйылган жаш талдай сулап жатышты. Бул алтын үчүн канча адамдын башы кеткен, ошого карабай адам пенде койнуна катып алып жүргөнү кызык, байлык бар жерде тынч өмүр сүрүү жок эмеспи. Седеп конок күтүп отуруп: "Сейтек байкемдер эмнеге кечигип жатат, бир нерсе болдубу, жо-ок андай деле кокустук болушу мүмкүн эмес", деп жүрөгү бир немени сезгендей кирип-чыгып эки көзү короонун оозунан өтүп атты. бир топтон кийин коноктор кетип өздөрүнчө калганда Барчынай:

- Мен кетейинчи, жүрөгүм эле кызыктай болуп атат, Сейтек менен кичине бала эмне келбей калды билбейм… - деди эле Тобокел:

- Жеңемдин жанында бирөө болбосо чоочуп калат, өзү кош каат болсо кантип жалгыз жибермек элек? - деди эле Седеп коштоп кетти:

- Мен дагы барайын, алардын эмнеге келбегенин билейин, - деп кийине баштаганда Тобокел аны тыйып койду:

- Сен өзүң ойлочу, балдар жалгыз калат да, мен эле жеткирип келем:

- Аа-а баса, балдар да уктап калды. Жеңе, Тобокел жеткирип келсин сени, эртең экөөнү тең мага жөнөтүп кой! - деп жадырай Барчынай менен коштошуп кала берди. Ал азыр өзү эмне болоорун сезбеди. Жыландай сойлогон жырткыч сымал эки аяктуу жан алгычтар анын үйүн көздөй келаткан эле бул маалда.

- Токто, - деди бири, - тигилер үйдөн чыгып баратат, үйүн тинтип алтынды тапсак бат эле кетебиз.

Алар токтоп короонун бир бурчуна жашына калды. Тобокел менен Барчынай жолго чыга калып эл ташыган арабага түштү да жөнөп кетти. Тигилер үйгө кирип келгенде Седеп коркконунан бакырып ийди эле бири жетип оозунан баса калып бекем кармап калды:

- Үнүңдү чыгарчу болбо, кокус үнүң чыкса мына бычакты матырып алам!

- Алтын кайда, кайда каттыңар?! - деди бири маңдайына келип.

- Билбейм, кудай алдында эчтеке жок, алтын көргөн эмесмин! - Седеп жалдырап ыйлап ийди.

- Жанын жейт! - бири жаактан ары чаап жиберди, - булар өмүрү өткөнчө пайдаланып бала-чакасы үчүн катып алышкан тура, көрсөтөм силерге, тукум курут кылбасам элеби?

- Токтогулачы, сулуу аял экен, моокумдан чыгып алайын, бириң эшикти карап тургула, эр сөрөйү келип калса көргөн жерден жайлагыла, илимпоз аял менен бир жыргап алалы, менден кийин силер да көрөсүңөр!

Тиги неме Седептин эки колун байлап, оозун таңып туруп кыймылдабас кылып өз ишине киришти. Ошентип эч ким жок өздөрү билип, үйүн тинтип керебетинин алдында оролгон буйумдардын ичинен бир топ алтын таап алып, Седепти муунтуп койуп кете беришти. Ушул учурда ойгонуп кеткен улуу уулу апасын жип менен муунтуп жаткан кишини сол жак кашынын учунда чоң меңи барын көрүп туруп үндөбөй тура берди. Качан гана алар чыгып кеткенде апасына жетип жипти чечип көкүрөгүн тыңшады. Бала болсо да өлүм деген суук, уккан кулакка жагымсыз угулган түрү суук кабарды сезгендей аны кучактай бакыра берди.

Барчынай менен Тобокел үйгө кирип келип эле колдорун кармашып, бири-бирин төбөсү менен караган бойдон өлүп жаткан эки бир тууганды көрүп кыйкырып жиберишти. Барчынай эсин жогото кулап түштү. Тобокел эшикке чыгып коңшуларын чакырып келди. Милиция чакырды. Топураган эл бул экөөнүн бирөөнүн колунан өлгөнүнө таң калып атышты. Тобокел эс-учун жоготуп жаткан Барчынайды көтөрүп төшөккө жаткырып койуп:

- Суу, суу алып келгилечи, бетине чачалы! - деди да: "Бул алтындын изин билип калгандардын колунан келди, Седепке тезирээк жетейин" деген ойдо сыртты көздөй жүгүрдү. Жөө бир топ жерден чуркап күйүгүп калган неме уулунун чыркыраган үнүн угуп иштин жаман экенин билди. Кирип келип эле апасын кучактап ыйлап жаткан баласын ары тартып Седептин башын өйдө кылды. Ал жансыз эле…

Үмөтаалы менен Айымгүл үч бирдей өлүктүн үстүнөн чыкты. Жан башка деген чындык эмеспи, Айымгүл бул оор жоготууну көтөрбөскө чарасы жок эле. Улам эстен танып, кайра эсине келип жатып үчөөнү жайына койушту. Барчынайдын айы жетип калган эле, күйөөсүн койгондон үч күндөн кийин аман-эсен уул төрөдү. Өлтүргөндөр ошол бойдон дайынсыз жоголду. Алар Айымгүл жокто Седептин үйүнөн тапкан алтынга ыраазы болбой баягы кепеге келишти. Ышкырган жыландарды бычак менен кыя чаап он чакты жылан өлтүрүп акыры жертөлөгө киришти да ичин тинтип көрүнгөн жерин чукулап атып катылган куржунду таап эми чыга берээрде артынан келе жатканын секирип бир жылан мойнуна оролуп алганда берки экөө артын карабай качып жөнөштү. Жылан оролгон киши ошол жертөлөнүн ичинде бир аздан кийин сулк жатты, аны жыландар кошулуп уусун чачып үймөлөктөп калышты…

Алтын бар жерде өлүм бар деген ошол эмеспи, бир үйбүлөнүн түбүнө жетти. Айымгүл акылынан ажырагандай абалда үй-жайын унутуп Барчынай менен болуп атты. Акыры аны убакыт өзү дарылап Сейтектин уулун көрүп өчкөн үмүтү уланып жашоого бел байлатты, кайрат берди.

Садыраалы менен Күйпүл келип андан кечирим сурап, куран окутуп отурушту:

- Кудагый, уулубуз тиги дүйнөдө тынч жатсын, ага кечирим бер, ал өлөөрүндө баарын айткан, ошонун айынан болду мунун баары, сенин бергениңе алымсынбай бирөөлөр менен сен жокто болгон алтынды алмакка үч кишиге айткан экен, ошолор кылды муну, бирок алар кимдер экенин айтпай кетти…

- Куда, мен эми эмне кылмак элем, болчу иш болду, кечирдим, койнуна котур ташты катып жүргөнүн ошондо билсем эмне, атаганат! - Айымгүл жоолук учу менен көз жашын аарчый үшкүрүп алды. - Эми кеч болуп калды, тиги дүйнөсүнө барсын балдарымдын, колуңарда менин кызымдан калган уул турат, ошон үчүн кечтим!

- Ыраазыбыз кудагый, ыраазыбыз, эми өзүңдүн да кичинекей Белегиңдин өмүрү узун болсун, ушунун жамандыгын көрбөңүз, - дешип алкап атышты.

- Айлам канча кудагый, бу чуулгандуу атың өчкүрдүн мындай болорун билгенде илгери эле өкмөткө өткөрүп коймокмун. Атабектин тилин албай, балдарымдын ырыскысы деп болбой койгонмун, көрсө багы эмей эле ажалына сактаган экенмин. Саринжиден бала калбады, калганынан шүгүр, эстеп көрүп жүрөөр бала калды.

- Ушуга да шүгүр деңиз, - деген куда-кудагыйы Айымгүлгө кайрат айтып үйүнө чакырышты. - Кудагый кол үзбөйлү, бала турат, келин экөөң барып келгиле, атайы бүтүргөн үйүнө да жашай албай жер кучактап калышты. Небереңди эки-үч күн коно жатып моокум канганча эркелетип кел?!

- Азыр кайдан, азалуу башым менен аларды баскан-турган жерин көрүп сыздагандан көрө койо турайын, шартыңар келсе өзүңөр алып келип кеткиле.

- Ма-акул кудагый, өзүбүз көрсөтүп туралы, балдардын баласын көрүп жок дегенде күйүттөн жеңилдеп тур, бизге деле оңой болгон жок…

Ошентип алар эки жатып анан кайтышты. Өмүр менен өлүм адам баласы менен кошо эриш-аркак жашай бергендей, күн түндүн кандай өткөнүн билбей өксүк, ый, аны менен кошо кичинекей Белектин улам чоңойуп күлө баштаганына бирде эзилип, эркелетип койуп убакыт өтө берди. Бул иш айыл-айылда жомок катары айтылган менен бири ишенсе, бири ишенбеди. Арадан он жыл өттү, жашы алтымышка чыгып калса да өзүн тың алып жүргөн Айымгүл кадимкидей неберелери биринен сала бири чоңойуп демөөр тутуп жашап келет. Седеп өлгөндөн кийин, Айымгүл Тобокелге жүрөк өйүгөн сырын айтып үч жыл өткөндө колунан чыгаргысы келбей, неберелерин чачыраткысы жоктугун түшүндүрүп Барчынайды Тобокелге алып берип койгон. Кумарбек он жетиге чыгып калса да бала кезиндеги коркунучтуу түштөй көргөн окуя эсинен кетпей сол кашынын четиндеги чоң меңи бар адамды эл ичинен издегени издеген. Белек алар менен чогуу чоңойду, Тобокелди аталап жакшы көрөт. Барчынай андан кийин дагы бир уул, бир кыз төрөдү. Бапырап өздөрүнчө чоң үйбүлө. Он жылга чейин айылдагы үйүнө барбаган Айымгүл эми гана эстеп бир барып келүүнү ойлоду: "Буйумдарды, калган алтынды эмдигиче алып кетишкендир" деп бир ойуу айтса, "Өлүү буйум эмес асыл баштуу балдарыңдан деле айрылып өлбөгүдөй күн көрүп жатпайсыңбы" деди бир ойу. Ал кезде бирин-серин машиналар чыгып калган. Эртеси эле Тобокелге айтып айылга жөнөдү. Келсе коңшу Турсун кемпир эки жыл мурун өлүп анын үйүнө кемпирдин балдары баш-көз болуп туруптур. Үй ичи ошол эле бойдон экен. Жерге төшөгөн ала кийиз күбө жеп үбөлөнүп чаң болуп калыптыр. Төр жагын карап акырын кийизди көтөрсө бекитилген жер ачылбаптыр: "Тобо-оо, ушул үчүн балдарым набыт болду эле, бул жер жуткурду өкмөткө алпарып берсемби, жетим балдарга берейин" деп ойлоп эшикке чыгып кичинекей кепенин оозуна барды. Тактайдан кынаптап жасалган эшик качырап өңү өчүп ачылган бойдон туруптур. Ылдый көздөй түшүп барса жылан эмес эч нерсе жок, төрдөгү чуңкур ачылып калган, бери жагында кишинин баш сөөктөрү жатат, келме келтирип алып кайра сыртка чыкты. Эки күндөн кийин Айымгүл чоң көтөрүнчөк менен машинага түшүп шаарга жөнөдү. Кечинде кызматынан келген Тобокел алтынды көрүп чоочуп кетти:

- Апа, бул балакетиңди дагы кайдан таап келе калдың?

- Балам, муну Сейтегим жашаган үйдүн төрүнө көмгөн эле, буга эч ким тийбептир, муну мен жетим балдар үйүнө өткөрүп берем!

- Апа, адегенде акчага айлантып өзүбүз алып калалы, азыр биздин арабызда эч ким жок, эч ким билбейт, ал эми жетим балдар үйүнө акчалай алып барыңыз, антпесе бул алтынды башкалар пайдаланып балдарга эч нерсе тийбей калат.

- Уулум, сен мага үй сатып бер, мен беш-алты жетим баланы алып үйдө багайын.

- Макул апа, эми бул аты чуулгандуу балакеттин четин чыгарбай акыл менен пайдаланалы, Манатбек ойу кара болбосо хандын жашоосундай жашабайт беле, ал ачкөздүк кылган, өмүрү эчтеке көрбөгөндүктөн сиздин бергениңизге алымсынбаган, бул биздин укум-тукумубузга жетет, мен акчага алмаштырып банкка салып койуп аз-аздан алып жашай беребиз. Максат чоңойсо өзүм чоң окууга киргизип койом.

- Ошент кагылайын, менин болсо өсөөрүм калган жок, айылда үй калды, дайындап койдум. Белегим бой жетсе ошол үйдү жаңылап бергиле, өлбөсөм өзүм баш көз болом го? - Белектин башынан сылап өөп койду, - тукумубуз курут болбосун, Атабектен бирөө тукумун улантсын! - көзүнүн жашы куйулуп кетти.

Ошондон баштап Айымгүлдүн көңүлү тынып калды: "Эми өлсөм да тынч жатам, балдарымдын балдарына жеткидей байлыкты бердим, Тобокел ачкөз эмес, кантсе да ата-энеси жакшы адамдар эмеспи" деп ойлонуп алды.

Кыш келип, кайрадан жаз жадырап айлананы кооздукка бөлөп өлүп бараткан адамдын да жашоого кумарын арттырган убактар биринен бири алмашып жыл жылып өтө берди. Айымгүл быйыл өзүн жаман сезип түшүнө Атабек кирип өзүнө чакырып кучакташып турганда ойгонуп кетет: "Капырай менин да кетээр кезим жакындап калганбы, өлгөн киши чакырса жаман болчу эле" деп өлүмдүн ак экенин унутта калтырагандай тирүүлүктөн кеткиси келбей кээде чоочуп алат. Ошол күнү эмнегедир жүрөгү бир нерсени сезгендей өзүнөн өзү болк этип кубанычы же кайгысы экени белгисиз кооптоно берди: "Оң көзүм да тынбай тартат, бул эмнеси, жүрөгүм опкоолжуйт да, жакшылык болоорунда оң көзүм тартчу эле… " деп түшкө жакын Белекти ээрчитип алып көчө бойлоп басып жөнөдү. Кайда бараарын билбейт, жөн эле алаксыгысы келет. Бир топ жерге барып калган экен Белек аны колунан тарта:

- Чоң апа, тээтигиңден алып берчи? - деди ары жактагы чайкоочу сатып жаткан алмаларды көрсөтүп.

- Жүрү балам, чоң энең сенден айлансын, - деп отурган чайкоочуну көздөй баратып алдынан чыккан бир буту жок балдакчанды көрүп жүрөгү бир болк этип алды. Чайкоочудан алма алып кайра тиги кетип жаткан балдакчанды көздөй басканда ал аялдамадан автобуска түшүп кетти.

Ал Атабек эле. Айымгүлгө кат жаздырып жиберген бойдон шаарда жашап, өзүн караган медсестра Катяга үйлөнүп жашап жүрүп, жакында ал өлгөндөн бери жалгыз жашап калган. Өкмөт берген пенсиясы менен Катянын үйүндө турат. Бүгүн ал Айымгүлдү байкаган жок, аны көп ойлонот, балдарынын үй-жай күтүп калганын дилинде сезет: "Жок-жок, Айымгүлдүн карегинде алты саны аман Атабек бойдон калайын, ушул турпатым менен көрбөйүн" деп ойлогон менен аларды көргүсү келет, сексеңдеген Чүрөгү кандай чоңойгонун билгиси келсе да негедир издеп баргысы келбейт: "Мен эмне деген жанмын деги, Айымгүл мени бир эмес эки бутум жок мунжу болсом да тосуп алмак, неге алардан качам?" деп өзүнө эчен жолу суроо берген менен жооп таба албайт. Жалгыз калгандан бери абдан кыйналды, жашы өтүп улгайган неме бир бутун сүйрөп тамак-аш жасаганда жүдөйт, бирок жашоо деген алга карай улам үмүттөндүрүп жашап келет…

Айымгүл ошол күндөн кийин баягы бейтаанышты көрүп каламбы деген ойдо күндө ошол аялдамага неберелерин жетелеп жөн салды эле кечке жүрүп кайра кетет. Бирок ал адам көрүнбөдү. Бир күнү Тобокелге өз ойун айтты:

- Балам, мен бир нерсе сурайынбы?

- Сура апа, эмнеге болбосун? - Тобокел кайненесин жылмая карап суроосун угууга дилгирленди.

- Мен карып баратамбы же жүрөгүм сезип атабы, Атабек тирүүдөй сезилет, согушта курман болгондордун тизмеси войонкомдо бардыр, билип берчи садага, мен үч-төрт күн мурун бир адамды көрдүм, ал Атабек эле болуш керек, бир буту жок балдакчан экен.

- Ой апа, ал оңой эле, эртең эле билип берем.

- Ошентчи алдыңа кетейин, карыганда жүк болом деп келбей жашап жүргөн го, же аял алып алды бекен? - Айымгүл ойлуу сүйлөдү.

- Койсоңчу апа, кантип эле аял алып алсын? Балдарына каттамак, сизди чанса да балдарынан кабар алмак.

- Билбейм садага, согуш башталгандан үчүнчү жылы кеткен, мына быйыл он беш жыл болуптур, алтымыш жетиге келди, согушка өзү арыз берип кетиптир, кийин жолдошторунан уккам. Ошондо Сейтек менен Курманбегимден кара кагаз келип кайгыда жүргөн элек, эки уулу үчүн өч алайын деген го?!

- Мейли апа, кейибей туруңуз, мен аны өлгөн, өлгөн эмесин тез эле билип келем.

Тобокел эртеси войонкоматтан өлгөндөрдүн тизмесинен таппады, акыры ал тирүү кайтып сыйлыкка татыган, баатырлардын арасынан издеп "Кудайкулов Атабек, Советтер Сойузунун Баатыры, биринчи группадагы майып, жашаган жери Москва району… айылы" дегенди окуп алып сүйүнүп кетти. Айымгүлгө келип айтты эле кубанычтан ыйлап:

- Балам, аны издеп табалы, өзү чолок болсо карыганда кыйналбасын, - деди эле дароо макул болуп издеп барышып дареги бойунча таап алды. Атабек Тобокел келгенде этибар албады.

- Сага эмне керек, иничек, - деди каршы ала.

- Сиз… сиз Кудайкулов Атабексизби?

- Ооба, эмне болду? - дегенде сырттан Айымгүл кирди эле ордунан тура калды, - Айым, сен кайдан?

- Эмнеге, эмнеге үйгө барбадың, менден эмнеге качтың?! - Айымгүл бойун таштай солкулдай ыйлай берди, - Эмне үчүн, мени унуткуң келдиби, менден кутулгуң келдиби, көңүлүң калды беле?!

- Жок-жок, Айым… - Атабек да карылуу кучагына кысып сакал ылдый жашы куйула сүйлөп жатты. - Ошол сүйүүбүздү, ошол бойдон сактайбыз деп, ушул турпатымдан коркуп качтым, сенден качпадым, өзүмдөн өзүм качтым!!!

Экөөнүн азыркы турушун сүрөттөп кагазга түшүрүү оңой эмес эле, улгайган адамдардын сүйүү жөнүндө айтып бири-бирине кыналыша, кыса кучакташып турганы жаштарга өөн көрүндү. Тобокел сыртка чыгып кетти. Экөө бирде ыйлап, бирде күлүп атып Айымгүл Тобокелди таппай калды.

- Атабек, мен болсо минтип өлбөй жүрүп сени көрүп калдым, балдардан болсо ажырагам, эми неберелер менен өзүмдү сооротуп жүргөн чагым.

- Аттиң, тагдырдын жазганы ушул тура Айым, сага тирүү көрүнбөйүн деген элем, жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт дегендей менин ушул турпатымды, кемчилдигимди көрбөсөң дедим эле, болбоду…

- Ошонуң кантип болсун Атабек, мен жалгыз калдым, менин тилимен чыкпай келин менен күйөө бала үйлөнүп алып балдарын чогуу багып жатат, андан башка аргам бар беле?!

- Айла канча Айым, дале баягыдай сулуусуң, акылдуулугуң бар экен, кагылайындарым ай!!! - деген Атабек балдарынын өлгөнүнө кабыргасы кайышып турду.

Ошол эле күнү Атабекти алып келе беришти. Айылга баралы деген ой болбоду аларда. Өздөрүнчө үй алып Белекти жанына алып бөлүнүп кетишти. Бири-бирин сүйүп, баардык кыйынчылыкка баш байлап өз сүйүүсүн коргогон эки жаш бүгүн орто жаштан өтүп көптү көрүп жашоонун азап тозогун өткөргөн адамдар. өткөргөн өмүрүнүн баарын эстеп көрүшсө жакшы деле күн көрүшкөн эмес экен. Азыр неберелерин эркелеткен бактылуу чоң ата, чоң эне.

Кумарбек чоң ата чоң энесин абдан жакшы көрөт, эки күндүн биринде келип ал абалын билип турат. Тобокел аны мединститутка окутуп койгон, өзү көп сүйлөбөгөн бул жигит тээ бала кездеги апасынын көз алдында өлгөнүн эстей берет. Экинчи курста окуп жатып ал Толкун деген кыз менен таанышып экөө эгиз козудай бирге жүрүп бир-бири катуу сүйүп калганын сезишти.

1970-жылдар…

Толкун ошол эле шаардын четинде жашаган Күрүчбек дегендин кызы, өтө эрке, тез эле таарынып, кыялы чатагыраак эле. Бирок ал Кумарбекке жолуккандан бери негедир токтоо тартып, ойчул болуп кетти. Анын кийген кийимине, акчаны көп кармаганына караганда, бай адамдын кызына окшоп турчу. Ооба, ал Күрүчбек канча адамдардын канына забын болгон алтынды алып кеткен үч адамдын бири болчу. Бирин жылан курчап калганда экөө чыгып кетип ээн жерден бөлүп алышмак болот. Күрүчбектин ойу арамдашып жанындагыны байкатпай бычак менен сайып өлтүрөт да байлыкты жалгыз алып калып үйбүлөсүн шаарга көчүрүп кетип ошол бойдон туруп калган. Алтындын жигин билгизбей ушул убакта абдан чириген бай катары жашайт. Анысын билгизбей аялын дүкөнгө иштетип койуп жашап калган. Балдары болгону бир кыз, бир уул. Экөөнү тең окутуп, эки жыл мурун уулун үйлөнтүп бөлүп койгон. Ал Тобокел Барктабасовду иликтеп билип алган. Анын профессор, илимдин доктору экенин да билет.

Кызынын токтоло түшкөнүн байкаган атасы эркелете карады:

- Апасы, бу кызым бойго жетип калган го, токтолуп калды.

- Токтолбой анан, күйөөгө тийе турган болуп калса да эркелейт беле? - апасы Гүлай күлө карады, - жакында күйөө балалуу болобуз, атасы.

- Жо-ок, азыр болбойт, кызым окуусун бүтмөйүнчө күйөөгө бербейм! - Күрүчбектин бул сөзү кызына катуу тийди:

- Ата, мен азыр тийгени жаткан жокмун да, бирок табылса кетип калышым мүмкүн!

- Кой кызым, сен окуйсуң, андан кийин окумуштуу болосуң, көрөм анан кандай гана жигиттер жүгүргөнүн.

- Ой-оой тим эле кызың экөөңдүн ойуңар асманда го! Кой эми чай ичели, аны көрө жатаарбыз, - Гүлай оозунда алтын тиштерин жаркылдата күлүп койуп дастаркон жайды.

Толкун Кумарбекти абдан жакшы көрчү. Анын профессордун баласы экенин билип ичинен атасынын айтканын ойлоп: "Эмне экен, кайнатам профессор болсо мен дагы, Кумар да окумуштуу болобуз", деп кыялданчу болду. Мединституттун биринчи курсунда окуган кыздардын көбү Толкундан кызганып Кумарбекке тийишип калышат. Ан сайын Толкун Кумарбектин жанынан чыкпай сабактан чыгаары менен эле анын чыгышын күтүп калат. Кумарбек Толкунду өзү да жакшы көрөт, башка кыздарга көңүл бурбайт. Экөө сабактан чыккандан кийин жетелешип алып паркка барышат, китепканага барып сабак даярдашат. Күндө ошол адаттары кайталанат. Бир күнү Толкун өзүн кыйнаган кызганыч суроосун берди:

- Кумар, сен мени чындап эле сүйөсүңбү?

- Ананчы, мен сени бүт өмүрүм өткөнчө сүйүп өтөм, а сенчи, сен мени мен сүйгөндөй сүйөсүңбү?

- Аябай сүйөм, сенсиз бир мүнөт дагы тура албайм, сен менин жарым жанымсың, билсең! - Толкун эркелей Кумарбектин ийнине башын жөлөдү.

- Толкун, сен мени таштап башка бирөөгө кетип калбайсыңбы?

- Койчу Кумар, кантип эле? - Толкун жигиттин көзүнө тике карап минтти, - Кел антташабыз, өлүп эле ажырабасак эч качан бөлүнбөйбүз деп?

- Кел! - Кумарбек да ордунан туруп экөө бири-бирине ант берүүгө кол алышты, - Эгер мен сени эч себепсиз эле таштап кетсем ата-бабамдын, аппак сүйүүнүн кусуру урсун!

- Эгер мен сени таштап кетсем мени ата-бабанын арбагы уруп, өмүр бойу жакшылык көрбөйүн! - Экөө бак ичинде бири-бирин кучактап сүйүүнүн илебине мас болуп көпкө турушту. Аларды көргөн кыздар атайы аңдып экөөнү чагым кылууну ойлоп жүргөн эле. Аны алар сезмекпи, сүйүүнүн кереметтүү деңизинде калаксыз калкып бири-биринен ажырай албай тура беришти.

- Толкун, эгер үйдөгүлөр макул болсо каникулда үйлөнүп албайлыбы?

- Азыр болбойт, мен окуумду бүтүп, дагы-дагы окуйм, анан экөөбүз үйлөнөбүз.

- Оо-ууй, анда көп бар го, ушинтип эле элден жашырынып жүрө беребизби?

- Атам окууңду бүт, андан кийин окумуштуу болосуң, ага чейин күйөөгө бербейм деп жүрөт.

- Анда сен мени сүйбөйт турбайсыңбы?!

- Эмнеге Кумар, мен сени сүйгөндө да кандай дебейсиңби? - Толкун Кумарбектин мойунуна асылып ууртунан өөп алып бетин баса ары жүгүрүп кетти. Жай басып артынан барган жигит кызды артынан кучактап:

- Сүйсөң үйлөнүүгө даяр болот элең да? - деди шыбырай.

- Түшүнсөң Кумар, мен сени аяба-ай сүйөм, болгону атам окууңду бүтмөйүн күйөөгө тийбейсиң, окууңдан аксап каласың деп атпайбы?

- Эмне, менин ата-энем түшүнүксүз адамдар деп ойлойсуңбу, алар сени окуудан өксүтпөйт, а балалуу болсок чоң атамдарга бактырабыз.

- Билбейм, сен таарынбачы ээ, мен эртең апама сүйлөшөм, сен бүгүн эле менден жообун сурабачы, кеңешип ойлонуп көрөм, сенин профессордун баласы экениңди укса алар каршы болбойт чыгаар?

- Макул эми, али каникулга чейин көп бар, сен экинчи курс, мен болсо үчүнчү курс болуп калабыз.

- Ошентчи алтыным, мен сенсиз жашай албасымды аларга айтып жай түшүндүрөм.

- Болду, түшүндүм.

- Таарынбайсың ээ?

- Жок, таарынбайм.

- Кумар, мен кетейин, эртең жолугабыз.

- Жакшы бар, сөзсүз сүйлөшкүн, сен макул десең мен үйдөгүлөргө даярдана бергиле дешим керек.

- Ооба, - Экөө кармашкан колдорун койо берип эки жакка көздөй кетти.

Жаштыктын көз ирмеминдеги бактылуу мүнөттөрү кандай сонун, экөө эки жакка баратып ойлору бир жерде болуп баратты: "Толкунду атамдар көрсө сөзсүз жактырышат, жакшы келин болот буйруса Толкун", деп кыялга мас болуп Кумар үйүнө жеткенин байкабады. Толкун: "Кумар атама сөзсүз жагат, атасы билимдүү экенин укса кызым ушундай эстүү, кызматчы адамга келин болот экен деп сүйүнөт" деген ойдо жолдо кетип жатты. Тобокел уулунун бойго жетип калганына ичтен кымылдап: "Буйруса Кумарбек чоңойду, жакшы жерден колукту алып берип өзүнчө бөлүп койсом, окуусун бүтүп илимдин артынан түшсө жаман болбойт" деп ойлоп өзү менен бирге иштеген бир кездеги курсташынын бойго жеткен сулуу кызын энчилеп жүрдү. Айымгүл болсо бир күнү келип ага минтти:

- Ээ балам, Кумар чоңойду, үйлөнтүш керек, жакшы жерден куда күтөлү, биз дагы атаң экөөбүз карып баратабыз, небере келинди көрүп баласын өөп жыттайлы. Тагдыр экен, Седебим ушу күнү тирүү болсо сонун болбойт беле?

- Апа, аны ойлонуп койгонмун, жакшы адамдын жакшы кызы бар, ал мектепти эми бүтөт, бир күнү атасына айтсам көңүлү бардай, алар жок дебейт апа, буйруса атам экөөңөр баш куда болуп төрдө отурасыңар.

- Кумарым жакшы адам болот, жакшы жердин эмес, акылдуу кызга үйлөнтүш керек, аял жакшы эр жакшы деп бекер айтылган эмес да, аял акылгөй, үнөмчүл болсо баары жайында болот, балам, - Атабек сөзгө кошулуп өз акылын айтты.

- Кам санабаңыздар, энесин көрүп кызын ал дейт го, ал досумдун аялы карапайым, билими жок эле аял, бирок абдан жакшы аял, - Тобокел ишеничтүү айтып отурду, - Кызын мен кичинесинен билем, өңдүү-түстүү бир мүнөздүү жакшы кыз.

- Ошондой эле болсун, жакшы аял үйдүн куту, жаман аял үйдүн жуту дегендей Кумашымдын багына жакшы кыз жолукса экен.

Алар сүйлөшүп отурганда Кумарбек сырттан кирип келди, таятасына кол берип учурашты да, таенесине бетин тосо эркелей кетти:

- Кандай таене, таятам экөөңөр эригип атасыңарбы?

- Ооба садагам, Белек да чоңойуп калды, эми сени үйлөнтүп чөбүрөбүздү эрмек кылсак болот эле, сен чоңойдуң, эми үйлөн, садага.

- Оой таене, азыр үйлөнмөк кайда, окуп алайын, анан деле… - деп ички үйгө кирип кетти.

- Баланы уялтпай эле койчу, дагы бир-эки жылда өзү эле үйлөнөм деп чыгат, - Атабек Айымгүлдү тыйды.

- Ботом, көнөт да, мындай балдар айылда балалуу болуп калбадыбы, тиги биздин коңшунун баласы ушуну менен тең эле экен.

- Болду эми, үйлөнчү күнү кудай буйруса өзү эле айтат.

Кемпир-чал кужулдашы атканда ал ички үйдө отуруп дагы ойлонуп атты: "Атама Толкунга үйлөнөөрүмдү айтсам эмне дээр экен, каршы болбос, таэнем менен таятама жагат" деген ойдо колундагы экөө түшкөн сүрөттү карап жатты.

Бул кезде кыз-жигиттин ачык жетелешип, кыналыша басып жүрүшү өтө өөн көрүнгөндүктөн Кумарбек менен Толкундун минтип ачык эле бактын ичинде кучакташып жүрүшү студенттердин арасында уу-дуу кепке айланды. Экөөнүн арасын алыстаткысы келген кыздар бир күнү Кумарбекке Толкун жокто атайы минтишти:

- Кумарбек, сен Толкундун кандай кыз экенин билбейт окшойсуң, белгилүү кадыр-барктуу профессордун баласы болсоң, ушундай кыз менен жүргөнүң уят эмеспи, атаңдын беделин түшүрүп койосуң го, минтип жүрсөң?

- Анын кандай кыз экенин айтуунун кандай кажети бар, мен аны сүйөм, силердин биз менен ишиңер болбосун!

- Анда өзүң да жеңил ойлуу кызга татыктуу болсоң керек, өзүң бил!

- Толкун жөнүндө мага жаман сөз айтканыңарды токтоткула, баары бир биз ажырабайбыз.

- Көрөбүз, анын кылыктарын өз көзүң менен көргөндө билесиң, сүйчү кызды тапкан экенсиң, эскертип гана койолу дегенибиз, - эки кыз бири-бирин карап мыйыгынан жылмая басып кетишти. Ушул учурда Толкун көрүнүп, алдынан узун бойлуу бейтааныш жигит чыгып анын колунан кармап бетинен өптү. Кумарбек далдоого тура калып карап турду. Толкун тиги жигит менен сүйлөшүп белинен кучактай басканда жини келип анын алдын тоскусу келди, бирок намысы жол бербеди, экөө колтукташкан бойдон аудиторияга кирип кетишти. Артынан аңдыгысы келбеди, кабагын түйө ойлуу өз курсташтарынын катарына кирип отуруп китеп карганы менен көзүнө эч нерсе көрүнбөдү, сүйлөп жаткан мугалимдин сөзү кулагына кербеди. Көз алдында бейтааныш жигит менен колтукташа басып бараткан Толкундун элеси келе берип кыжаалат боло сабак бүтө электе: "Башым ооруп турат" деген шылтоону айтып үйүнө жөнөдү: "Мен ага ишенбедим беле, көрсө ал ар ким менен сүйлөшүп жүрө берет тура, ал менин теңим эмес экен, туруксуз неме менин сүйүүмдүн кадырына жете албайт, сүйүүгө татыктуу эмес!" деген чечимге келип аны унуткусу келип, жүрөгүнө эч нерсе барбайт: "Сабак окуйм" деп өз бөлмөсүнө кирип алган менен ойунан Толкун кетпей, ойу чаржайыт боло берип жатып алды. Эртеси эрте сабакка келип сыртта бир аз турду, ошол кезде дагы Толкунду кечээги жигит тосуп алып эки бетинен өөп коштой кирип кетти. Эми биротоло ындыны өчүп, көңүлү сууган Кумарбек сабакты гана окууну максат кылды.

Бул кыздардын атайлап жасаган иши болчу. Үчүнчү курстун студентин атайы көндүрүп үч күн катары менен Толкундун жолун тосуп алууга макулдашкан. Ал эми Толкун менен кыздардын бири күндө жолугушуп атайы Толкун келе жатканда жанаша туруп кыз аны өөп учурашат. Кумарбек жөн гана курсташтык мамиле катары жакшы кабыл алган эле. Үчүнчү күнү Толкун Кумарбекти аудиторияга издеп келди. Кумарбек сабак бүтөөрү менен чыгып кеткен болчу. Аны тосуп алган кыз:

- Толкун, сен өз теңиңди таппайсыңбы, Кумарбектин өз сүйгөн кызы бар, сен алардын ортосун бузуп жатасың, эмне башка жигит карабай койсо эле ага жармаша бересиңби? - деди.

- Кумарбектин биринчи жана акыркы сүйүүсү менмин, мен эч кимди бузган жокмун, бузбайм дагы! - Толкун тиги кызга тикелей туруп жооп айтканда ал мыскылдай карады:

- Сени Кумарбек сүйөбү, ал сени жөн гана алдап, шылдыңдап жүрөт, эртең эрте келип аудиторияга келип карап тур, ал ким менен сүйлөшүп, жолугушаарын өз көзүң менен көрөсүң! - Тиги кыз аны ээликтей карап койуп басып кетти. Кумарбекке үч күндөн бери жолуга албай кыжаалат болгон Толкун ыйлагысы келип үйүнө жөнөдү: "Бекер жерден өрт чыкпайт" дегендей Кумардын башында эле сүйлөшкөн кызы бар болсо керек, көрүп билбесе кантип калп айтмак эле" деп ойлоп эртең эрте барып көргүсү келди. Түнү менен уктабай ойлордун туткуну болгон кыз эртеси эрте туруп алып даам сызбай сабакка жөнөдү. Келип окуу жайдын бир бурчуна далдаланып Кумарбектин келээр жолун карап акмалай: "Чын болсо экинчи аны менен сүйлөшпөйм, жок-жок азыр жанына бир кыз келип экөөнүн башкача мамилесин байкасам бетине түкүрүп басып кетем" деген ойдо турганда Кумарбек бир кыз менен ээрчишип келе жатканын көрүп калды. Ал кыз Толкун менен бирге окуган Шарапат деген кыз экенин көрүп көзү чакчая түштү. Аны атайы Кумарбек келатканда жолунан тосуп кошо келгенге макулдашып кыздар жашыруун көздөп турушкан. Алар Толкунду эрте келип аңдып турганын көрүп жатышты. Уйуштурган операциясы жакшы жүрүп жатканга ичтеринен сүйүнүп: "Иш оңунда, жакында экөө бири-бирин жек көрүп көргүсү келбей калгандай болуш керек" дешип сүйлөшүп атты. Аңгыча Шарапат Кумарбекти эки ийнине колун арта бетинен өөп койуп:

- Пока Кумар, сабактан кийин… - деп койуп кирип кетти.

- Макул, - деген Кумарбек эми өзүнүн аудиториясына кирип кетүүгө басып баратканда Толкун аны көздөй басып келип:

- Сен туруксуз турбайсыңбы, мурда эле айтпайт белең, сүйгөн кызым бар деп, уятсыз алдамчы! - деп ыйлаган бойдон кирип кетип калаарда:

- А сенчи, сен мени алдаган жоксуңбу, сен туруксузсуң, сени мен чын жүрөгүм менен ишенип сүйгөмүн! - деп кала берди. Толкун ыйлаган бойдон аудиторияга кирип баратып кайра артына бурулду: "Шарапаттын шылдыңдуу көз карашын көргүм келбейт, мен эми бул окуу жайда окубайм!" деп чыгып кетти. Кумарбек менен Толкун ошентип көрө албастардын айынан өз сүйүүлөрүн далилдей албай экөө эки жээкте суудан чыгып калган балыктай чабалактап жатышты. Толкун ошол бойдон окууга келбей сырттан окуу бөлүмүнө которулуп алды. Бирок ага оңой болбоду Кумарбекти унутуу, акыркы жолу жолугушуудагы антташкандарын эстегенде көзүнүн жашын төгүп алат: "Сүйүүнүн өзү алдамчы болот тура, экинчи бирөөнү сүйбөйм да сүйдүрбөйм" деп өзүн сооротуп бул жашоонун көктөмү, жыргалы ал үчүн сезилбей суз болуп кеткенге ага энеси бир нерседен шектенгендей сураса оң жооп бербеди: "Жөн эле ооруп жүрөм" деген шылтоо менен жата берчү болду. Жедеп арыктап, сүлдөрү эле калды. Кумарбек андан кем эмес кайгыда жүгөндө баягы кыздардын ортосунда араздашуу болуп Шарапат Кумарбекке төкпөй-чачпай айтып койду. Ошондо анын жини келгенин! Өңү кумсарып барып Марияны жаактан ары чаап-чаап жиберди:

- Бузуку, уятсыз! Толкун силерге эмне жамандык кылды ыя! Менчи, мен эмне кылдым эле ошончолук?!

- Эй жинди го мынабу неме, ошончолук сүйгөнүң чын болсо ушакка ишенбей койбойт белең, чыныгы сүйүү деген тоскоолдуктарды жеңип анан далилденет. Алсыз, кудуретсиз экенсиңер, сынайлы дегенбиз, эми анык болду силердин жалган сүйүүңөр! - Мария ызаланган бойдон кайра анын намысына тие сүйлөдү.

- Жап оозуңду, сендей кыздарды бузуку, ушакчы, шерменде дейт! - Кумарбек басып кетти. Ал күнү сабакка катышпай Толкундун үйүнө барып кечирим суроого жөнөдү. Бирок ал үйүн акмалап аны чакыра албай кайра кетти. Көпкө чейин сабакка да барбады, күндө Толкунду акмалап эч ылаажы табалбай үмүтү үзүлгөндө окуусун улантууга бел байлап чагым кылган кыздардан өч алууну ойлоно баштады: "Силерге бузукулукту көрсөтпөсөм элеби" деп кекенип эч ким менен сүйлөшпөдү. Уулунун кийинки кездерде башкача болуп кеткенинен шектенген атасы бир күнү аны сөзгө тартты:

- Уулум, окууңда оорчулук келе турган маселе барбы, эмнеге мынчалык сабырың суз, мурункудай эмесиң, бир нерсеге кыжалат түрүң бар?

- Жок ата, баары жайында, өзүм эмнегедир ооругансып жүрөм, башым эле салмактанат, - Кумарбек калп айтууга аракеттенди эле Тобокел:

- Мен сени билип турам уулум, сен бирөөнү сүйүп калгансың го, сени үйлөнтүү үчүн кыз таап койгом, мына үчүнчү курс болуп калдың, үйлөнө берсең болот, макул десең кызды ата-энеси менен үйгө чакыртып көрсөтөйүн, досум Сайдимураттын кызы, аны тааныйсың да?

- Ата, мен азыр үйлөнбөйм, эч кимди сүйгөн жокмун, сүйбөйм дагы, окуумду окуп алайын… - Кумарбек үңкүйгөн бойдон жооп берди.

- Баланы кыстап эмне кыласың, качан кимге үйлөнөт, өзү эле билсин, жактырганы бардыр… - Барчынай Кумарбектин жанына келип башынан сылай бетинен өөп койду.

- Болбойт, мен каалаган кызды алат, түшүнүктүү адамдар менен куда болгонубуз жакшы, кайдагы бир кызды алып өзүн да, бизди да кыйнаса эмне болот ыя? - Тобокел ачуулана ордунан туруп ары-бери баса баштады.

- Өзүң бил, баланы кыйнап койбо дегеним, өз энеси болбосом да өз баламдай көрүп отурам! - Барчынай чыгып кетти. Ал: "ата-бала өзүң сүйлөшүп чечип алгыла" дегендей таризде болгону болчу.

- Ата, - деди Кумарбек апасынын ачууланып турганын баамдагандай. - Мен апамды өлтүргөн адамды ошондо көргөнмүн, эми көптөн бери ошол киши түшүмө кирип кыйналып жүрөм?! - деп атасын суроолуу карады. - Эгер мен аны азыр тапсам соттолобу?

- Ыя, эмне дедиң? - Тобокел таң калгандай иш башкада экенин сезгендей уулунун жанына келди. - Кантип көрдүң эле, ал сага тийген жок беле?

- Мен апамдын кыйкырып атканынан ойгонуп босогого келип карасам ал апамды муунтуп жатыптыр, коркуп жанына бара албай карап туруп апамды ыргыта түртүп үйдү аңтара баштаганда керебеттин алдына кирип кеткем.

- Кандай киши эле, эмнеге ушул күнгө чейин айтпай жүрдүң? - деген Тобокел: "Баланын санаасы башкада тура, бекер урушуп жаткан экемин го" деп ойлонуп алды.

- Айтпаганым, өзүм чоңойгондо изилдеп таап өлтүрөмүн деп ойлогом…, Өзбекке окшогон кара мурут, сол кашынын четинде чоң калы бар киши.

- Жо-ок балам, андай жаман ойго берилбе, табылса көрөбүз, чын эле ошол сен көргөн неме болсо айылдагыны да ошол алган, демек ал жеткен бай болуп кетти, же өлдү.

- Ата, ал өлгөн эмес, ал тирүү… - Кумарбек кыжырдана муштум түйө тиштенип алды. - дал ошондой апамдай кылып муунтуп өлтүрөт элем, колума тийсе эле…, алигиче көз алдымда турат, ата!

- Кой балам, андай ойдон кайт, жаман ойду жаман киши ойлойт, сен келечекте окумуштуусуң, андан көрө сени быйыл үйлөнтөм. Арууке быйыл мектепти бүттү, окууга тапшырды көрүнөт, сен аны менен тааныш, сүйлөш, күздө тойуңарды өткөрөбүз.

- Ата?!

- Болду, сөз бүттү, эртең Сайдимуратты үйбүлөсү менен үйгө чакырам. Баса, сенин туулган күнүң эмеспи эртең. Аруукени ала келишет, жок дебей көр! - Тобокел сөз бүттү дегендей аркы бөлмөгө кирип өзүнчө ойго батып иш столунда отурду: "Кызы-ык, бала болсо да ичтен сызып жүргөнүн кара, ошондо сегиз-тогуздарда эмес беле, эсинен кетпей калган тура" деп тынчы кете баштады: "Он жети жыл өтүп кетиптир, балким чын эле бардыр, кантип далилдейбиз, тапкан күндө дагы ал мойнуна алабы?" деген ойлорго чырмалып ары-бери баса баштады: "Бул баланы жаман ойдон алыс кылып алаксытыш керек, болбосо колунан баары келиши мүмкүн, күчкө толуп турган бала, баарын көрүп эмдигиче кек сактап жүргөн неме", деп кооптонуп турду.

Эртеси Барчынай Кумарбектин туулган күнүнө арналган кече өтө турган болуп таңдан баштап камына баштады. Күткөн маалда көп адамдар менен Сайдимурат аялы, кызы болуп белек-бечкегин алып жетип келишти. Жасана кийинген Кумарбек аяш атасынын кызын көрүп апкаарый түштү. Атасы айтканда анча маани берген эмес, анткени анын бүткүл ойун, жүрөгүн Толкун ээлеп алганга башканы ойлогусу да келген эмес. Коноктор текши столго отурушканда туулган күндүн урматына Кумарбекке не деген калоо-тилектер айтылып атты. Арууке чоң адамдар менен отура албай Барчынайдын кызынын жанында телевизор көрүп отурган. Кумарбек кирип келгенде тартына, сүрдөгөнүн билдире коомайлана калды:

- Кандай, аяш атамдын кызы, мүмкүн болсо таанышып алалы, атамдар го башынан тааныш, экөөбүзгө эми жол ачылды дейм? - деп тамашалай кол сунду, - Менин атым Кумарбек!

- Арууке, - Кыз кызара колун сунду.

- Атыңыз жакшы экен…

- Рахмат! - Кыз дале уялыңкы жооп берди.

Ошентип экөө таанышкандан кийин Кумарбекти бир сезим кызга жакындатып тургандай анын жанынан кеткиси келбей же башка сөзгө өтө албай көпкө отурду.

- Байке, эжем аяба-ай сулуу экен ээ? - ошол учурда ортодогу тынчтыкты карындашы Айдай бузду, - Чоңойсом мен дагы Арууке эжемдей сулуу болом!

- Ананчы, сен азыр эле сулуу кызсың, менин каерим сулуу экен, экинчи антип айтпа ээ, мен уялып калам, - Арууке жүзү кызара Айдайга жылмая карады, анын азыркы жылмайышы, көздөрүнүн жалжылдай түшүшү, кирпиктеринин төгүлүп турушу Кумарбекти ого бетер сүрдөнтүп, моконтуп турду: "мен Толкунду сүйдүм беле, демек түбөлүк аны сүйөм, ал эми сулуулук, назиктик өзүнчө башка дүйнө, бул кыз өзүнчө керемет тура, карап эле тургудай, кол менен тартып койгондой, мунун жүрөгү таптаза бойдон экен, ага мен кара так салбайын, өз тагдырын тапсын" деп ойлонуп ордунан тура сыртка чыкты.

Тобокел ойунда: "Ушундай керемет жанды сүйө албаса, жүрөгүн козгой албаса анда менин уулум түркөй, макулук да" деп Арууке менен Кумарбектин бири-бирин жактырып калышын тилеп атты. Кумарбек билмексен болуп атасынан качып жолукпай жүрдү. Анын ойлогон ойуу такыр башкада эле: "Толкунду кантип чакырам, кантип жолугам" дегенде бир ордуна тура албай тынчсызданат. Анын Мариядан өч алгысы келгенин туйган досу Эмир бир күнү ага минтти:

- Кумар, эмне болуп баратасың, Толкунду жолуктура албай кыжаалат болуп жүрөсүң го, ал үчүн сен адегенде Марияны колго түшүрүп Толкунга болгон чындыкты айттырыш керек.

- Аны өзүм эле айтам, андан көрө дос, ошол Марияны…

- Түшүнүктүү, эртең аларды чогуу бир жерге чакырабыз да… - экөө андан аркысын шыбырашып кеңешип жатышты.

- Дал ошондой кылыш керек, ал жерде мен дагы, сен дагы барбайбыз, бардык ишти Тагайга тапшырабыз, үчөөбүздөн башка эч ким билбейт.

Эмир бардык ишти бүтүрүп Тагайга беш жүз сом берди:

- Карочи, сен алардын иче турган виносуна…

- Токто, мен өзүм жакшы билем, эртең Мария бул аудиториядан басып жүрө албай турган кылам, сөз бүттү, бара берсеңер болот!

- Макул, жолуң болсун! - Эмир менен Кумарбек басып кетти. Ошондон үч күн өткөндөн кийин медицина институтунун студенттери уу-дуу болуп жатышты:

- Мария жалаң балдар менен бирге болуптур, көрсө ал бузулган кыз тура?!

- Ай-ий ай, билгизбеген менен укмуш тура, шумдугуң кургур, жалаң балдар анын сырын билип алышып вино ичирип койуп киришиптир да! Калп эле актанып атат имиш, биринчи ким киргенин билбейт экен…

- Чынбы, ошондой кыз бекен ээ?

- Ананчы, уяты жок десе, а биз болсо балдар менен катар басып, кат алгандан уялабыз.

- Кыз деген күйөөгө тиймейин эркек менен сүйлөшсө уят да?

- Сүйлөшмөк турсун, жатып алганын карасаң! - Көпкө чейин Мариянын кылыгы ооздон түшпөй жүрдү. Мариянын жаман атты болушу ага абдан катуу тийди, жигити дагы аны карабай кетти. Окуудан дагы чыгып калды. Кумарбектин табасы канып, Эмир экөө Тагайга дагы акча берди. Мария өзүн-өзү өлтүрмөк болуп уксус ичип алган экен, доктурлар аны эптеп аман алып калышты.

Толкун кышкы сессияга катышып эле, окуусун сырттан улантып жатты. Санаадан али арыла албай, Кумарбекти унутууга канчалык далалат кылса да унута албай кайра көргүсү келе берчү болду. Күрүчбек аны өзү билип өзүнүн айылдык теңтушунун баласына бермей болуп, убадалашып, ал турсун той болчу күндү да белгилеп койду. Ал ойунда күйөөгө чыкса, кызынын көңүлү ачылып, баарын унутат деп ойлоп атты. Айтпаса дагы анын жигиттерден көңүлү калганын, сүйгөнү менен араздашып кеткенин өз ичинен туйуп жүргөн. Кызын күйөөгө берүү жөнүндө аялына айтып эле:

- Ой сен кызыксың го, Толкунга ал бала жагабы, бактылуу болуп кете алабы, ойлодуңбу ошону?

- Ойлогон үчүн ошентип жатам да, кызың бирөөнү сүйүп калган, же жигити таштап кеткен, окууну сырттан окуу бөлүмүнө которуп алганына караганда бир иш бар, ошонун баарын унутуп баштагыдай көңүлүн ачайын деп атам, ал бала татынакай экен, демек Толкунга жагат!

- Көрөбүз! - Гүлай жактырбагандай мурдун чүйрүп алды. Толкун ички үйдө китеп окуп жаткан, алардын сөзүн укпады, анын жүрөгү Кумарбекти көрүүнү дегдеп: "Эмнеге таарындым экен, балким көрө албастар атайы жасагандыр, биздин антыбыз кайда, кечээги эле жалындаган сүйүүбүз кайда?" деп дагы ыйлап алды: "Жо-ок мен өз тагдырым, таптаза сүйүүм үчүн күрөшүшүм керек, Кумар мени сүйөт!" деп ордунан тура күзгүгө келип каранып, кийинди да, ага жолугуу үчүн жөнөмөк болуп сыртка чыкты эле Күрүчбек алдынан тосуп эркелете ээгинен көтөрүп жүзүнөн сүйдү:

- Кызым, сен абдан чүнчүп кеттиң, мен сени айылдык досумдун баласына кудалашып койдум, ал жакшы жигит экен, карапайым, бирок түшүнүктү…

- Ата, мен аныңды көрбөсөм, билбесем эмнеге бат эле өзүң билип чечип койдуң?

- Кыргыз кызы ата-эненин айтканынан чыкпайт, ал эми ата-эне балдарын бактылуу гана болсун деп ойлойт.

- Болуптур, бир аз күтө туруңуз, ойлонойун, - Толкун атасына катуу айта албай чыгып кетти, бери жакта экөөнү карап турган Гүлай: "Айтпадым беле, сенин тилиңди алаарын кудай билет" дегендей аны ээликтеп койду.

Толкун үйүнөн чыгып келатып: "Арадан бир жылдай өтүп кетиптир, балким Кумар башка кыз менен жүрүп алсачы, мени карабай койсочу" деп жүрөгү дүкүлдөй автобустан түшүп Кумар үйүнө кетчү жолду акмалап тынчсызданып күтүп атты. Бир кезде Кумарбек эки-үч кыз-балдар менен бир нерсени кызуу сүйлөшүп келе жатканын көрүп ары бурулуп кетти. Алар кетип атып ар кимиси ар жакка бөлүнүштү да Кумарбек менен бир кыз экөө андан ары жол улады. Толкун турган жеринде буркурап ыйлап жиберди: "Ал мени унутуп койгон тура, мен акмак, аны дале унута албай азаптанып жүрбөйүнбү, антыбыз урсун, акактай аппак сүйүүнүн кусуру урсун!" деп көзүнүн жашын мончоктоткон бойдон аялдамага барып автобуска түштү да үйүнө келди. Анын көзү шишип, ыйлап келгенин көргөн ата-эне үндөбөдү. Эки-үч күнгө чейин тамак да ичпей суу жутуп жата берди. Бир айдан кийин кичине алаксый баштаганда атасы кайрадан сөзгө тартты. Адатта бул маселени кызга эне гана айта турган болсо Күрүчбек өзү айтат, анткени кичинесинен кызы менен ачык сүйлөшүп, сырдашып да көнүп калган. Башка бирөөлөр көрсө энеси өгөйбү деп ойлошу мүмкүн. Гүлай эне катары акыл-насаат айтып мээрим төккөнү менен ага атасы көбүрөөк жакын эле…

- Кызым, көңүлүңдү чөгөрбө, сени менен кошо эзилип бүттүм, эмки жума күнү айылдан куда түшүп келишет, жигит көөнүңө жакса үйлөнтүп бияктан үй алып берем, айылга барып эле кайра келесиңер!

- Макул ата, сиз айткандай эле болсун! - Толкун атасынын төшүнө башын жөлөй ыйлап жатты. - Мага баары бир ата, сиз чечесиз!

- Садагам менин, улагым сереңдеген. Сен бактылуу болосуң, көрөсүң го, ал жигит абдан жакшы.

- Баары бүттү ата, эмне десеңиз мен макулмун! - Толкун ушуну айтты да өз бөлмөсүнө кирип кетти. Гүлай анын артынан кирип жатып алып ийиндерин солкулдата көмкөрөсүнөн түшүп ыйлап жаткан кызынын чачын сылады:

- Кызым, анчалык эле эзиле бербечи, атаң экөөбүз деле бири-бирибизди сүйбөй эле үйлөнгөнбүз, мына баары жайында, жашообуз жакшы.

Толкун үндөбөдү. Тек баарына кайдыгер жандай көзүнөн жашын салаалатып ичтеги айтып бүткүс арманын, күйүп түтүнсүз өрттөнүп жаткан жүрөгүн өзү сооротууга аракеттенип атты: "Тагдырдын маңдайга жазганын көрөйүн, өзүм барып кайрадан баштайлы, мен сени сүйөм деп ага кантип айтмак элем, анткен күндө да ал кабыл албай койсочу, антип өзүмдү анын алдында кемсинткенден көрө сүйбөй-көрбөй туруп атамдар айткан жигитке чыгышым керек, балким ал мени сүйүп калаар" деп чечкиндүү түрдө ордунан туруп өзүн ирээтке келтирип, жакында болчу таанышууга камдана баштады. Ата-эне кызынын көңүлү ачылып баарына көнгөнүнө кубанып тойго кам көрө башташты. Убакыт суудай аркырап өтүп, бат эле белгиленген күн келип, Кадыркул беш-алты киши, аялы, баласы болуп келишип конок болуп калышты. Дасторкондо эмне гана жок, каатчылыктан чыккан эл тойунуп калган убак. Ташыбек ата-энесинин катарында уялыңкы улам ооз жакты карап атты. Ошол убакта Гүлай Толкунду үйгө киргизди, баятан бери аркы-беркини сүйлөшүп бажактап жаткандар жалпы кызды карап калышты эле, Толкун сүрдөнүп башын ийкей алар менен учурашкандай белги берип четке отуруп калды. Адатта кыргыз элинин ата-бабасынан берки салты бойунча кыз-жигитти жеңелери тааныштырып, сүйлөштүрүп, андан кийин гана келин болуп баргандан кийин кайната көрүндүк берип анан келинди жүгүнтүп батасын берчү эмес беле? Күрүчбек эле бакылдап:

- Туугандар, мен эскиче эмес жаңыча узатам кызымды, жалгыз кызым Толкун, өзү каалагандай болушу керек! - Кадыркулдун иниси Баатыркул аны коштой бакылдады:

- Балдарым, биз силердин келечегиңер үчүн кам көрүп жатабыз, демек сөз силерде, Куке. - Кадыркул Күрүчбекти карады. - Экөөбүз бала кезден теңтушпуз, бул шаарга келе берип эле байып кетти, же катылган кенч тапканбы, айтор билбейм? - жылмая каткырды, - мына эми буйруса куда болгону турабыз, биздин балдар каршы болбос???

Ташыбек Толкунду көз кыйыгы менен карап койду. Толкун эки бети кызара жер карады. Азыр анын көңүлү көтөрүлө түшкөн эле: "Кумарбектен кем эмес экен, ал эми окуйм десе окуп алат да. Эмне экен, бир эле ошол бекен дүйнөдөгү эркек?" деп ойлонуп дилинде Ташыбекти жактырып турду. Эки жүрөк бири-бирин арбашып улам көз караштары чагылыша түшүп жатты. Бир аздан кийин Толкун сыртка чыкты, ал чоң кишилердин жанында отургандан кысылып сыртка чыккандан кийин кере дем алып эс ала түштү. Анын "өх!" деп алганын көргөн Гүлай:

- Кызым, эмне болду, антип үшкүрбөй жүр садага, жаман болот, "өх" дегенде шайтан угуп турат, - Гүлай эркелете чачынан сылай өз жумушуна аралашып конок үйгө кирип кетти. Ойлонуп турган Толкундун жанына Ташыбек келди.

- Саламатсыңбы?

- Саламат…

- Толкун, мүмкүн болсо сейилдеп келбейлиби?

- Кайда?

- Эми… Мындай… - Ташыбек саал тартына сунушун киргизди, - экөөбүздүн биринчи таанышканыбыз үчүн басып келсек…

- Басса басып келели, - Толкун кыйыла жигит менен катар басып жөнөдү.

- Толкун. кайсы окуу жайда окуп жатасың?

- Мединститутта…

- Аа-аа жакшы экен, канчанчы курста?

- Үчүнчү курс, сырттан окууга которулуп алгам.

- Эмнеге, иштеп жатасыңбы? - Аңгыча магазинге жетип келишти. Ташыбек магазинге кирип балмуздак алып кызга берди, өзү бирди алып кайра артка жөнөштү. - Толкун, жигитиң жокпу? - жигит кызды сынай карады.

- Жигит дегенди уккум да келбейт, эмне жигити бар кыздардан көңүлүңүз калды беле?

- Жок, жо-ок, сиздей сулуу кыз али башы бош эмеспи деп ойлодум да?

- Кадырыңыз жан болсун, азырынча эч кимге башымды байлай элекмин!

- Балким көөнүңүзгө жакканы табыла электир, а мен кечигип калдымбы деп ойлоп тургам.

- Бош болсо эле сизге жүрөк сыры ачыла койот, ээлеп алса болоор деп ойлойсузбу?

- Андай деле эмес… Балким мени түшүнбөй жатасыз…

- Биз бири-бирибизди түшүнбөй жатат окшойбуз. - Толкун жигитти карап жылмайып койду. - Алгачкы күндө түшүнө албасак, келише албасак азыртан эле ата-энебизди токтотуп койсок кантет? - Тике айтылган сөзгө Ташыбек тайсалдап кетти:

- Толкун… Чынын айтсам сизди көргөнүмдө эле мага башкача сезим пайда болду. - Жигит кызды колдон ала жолун тосо туруп калды. - Мен, мен… - шашкалактай эмне деп айтканын да байкабай сүйлөй берди. - Мен… Мен сени…

- Эркектердин көнүмүш сөзүн айткыңыз келип атат го, сүйөм-күйөм деген? - Толкун Ташыбектин көзүнө тике карап айткан да ал:

- Жок Толкун, мен эч качан башка кыз менен сүйлөшүп көрө элекмин, көңүлүмө кыз жакчу эмес, ырас айтам. - Ташыбек кыздын колун өзүнүн көкүрөгүнө койду. - Карасаң, жүрөгүм ээлигип чыгып кетчүдөй болуп атканын?

- А менде андай сезим болгон жок!

- Макул Толкун, кел башка сөзгө өтөлүчү, - деп кыздын колун койо бербей жол бойлой басты. Көпкө чейин басып жүрүштү, бир кезде кыз барс этип күлүп алды.

- Эмне күлүп жатасыз?

- Жөн эле, сиз көңүлүңүзгө албаңыз, бир нерсени эстеп кеттим.

- Аа-аа, - Алар үйгө келишкенде коноктор сыртта дем алганга чыгып калышкан экен. Экөөнү көргөн Күрүчбек менен Кадыркул бири-бирин карап көз кысышып койду. Ал: "Иш жайында" деген түшүнүктөр эле. Ошондон он күн өтүп алардын тойу боло турганы белгиленди, тойго чакырылчулар чакырылды.

Бир күнү Шарапат кыздар менен туруп жаңылык айтып атты. Ал Толкундун курбусунан уккан эле:

- Кыздар, Толкун жакында турмушка чыгат экен, Шайымды тойго чакырыптыр!

- Чын элеби, а Кумарбекчи?

- Апей, ал экөө алда качан эле таарынышып кеткен, ошон үчүн Толкун окуусун сырттан которулуп кеткен да.

- Ай-иий, Кумарбек ошол бойдон бир да кыз менен сүйлөшпөйт го?

- Ой ал деген бир чоңдун кызын алып алат да, бая күнү биздин декандын кызын ага тааныштырышыптыр, жакында анын да тойу болот имиш.

- Укмуш ай, сүйүүсү ушул болсо сүйбөй эле койсо эмне болуптур, ушуларды мен ажырабайт ко дедим эле… - бир кыз аябай кейип сүйлөдү.

- Койсоңчу, аларды силер эле көралбай, силер эле кылдыңар! - студенттердин бири аны кагып койду, - Ушу кыздар бири бириңерди көрлабайсыңар.

- Ийи-ии, силерчи, силер кыздардан да жамансыңар! - деп чурулдашып жатканда Кумарбек келип калды.

- Кумарбек, сен уктуңбу, Толкун күйөөгө чыгып атыптыр, эмне жумада тойу болот экен.

- Ким айтты?

- Толкун Шайымды тойго чакырыптыр, ал мени чогуу барып келчи деп атат.

- Бактылуу болсун! - Кумарбек сыр билгизбей басып кетээрде ага бири тийишип калды:

- А сенин тойуң качан болот ыя, ушу экөөңөр мелдешип алгансыңар го, балким бир күндө той өткөрөөрсүңөр?!

- Мени үйлөнөт деп ким айтты?

- Билмексен болбой эле койсоң, биздин деканды кайната кылып атыпсың го?

- Калп! - Кумарбек аудиторияга кирип кетти. Бирок ойу ордунда болбой кыжаалат болуп атты: "Бекер жерден өрт чыкпайт, баары бир элден жашыра албайсың, мени кайдан угуп алышты, мен ага үйлөнөм деп айта элекмин. Жо-ок, мен Толкунга баары бир жолугуп, чын калпын билмейинче тынч ала албайм" деп санаага чөмүлүп сабак бүткөнчө зорго чыдады: "Бүгүн сөзсүз жолугушум керек". Сабак бүтөөрү менен өз үйүнө эмес, Толкундун үйүнө жөнөдү. Ал короону сыртынан акмалап туруп эч мүмкүн болбосуна көзү жетип дарбазасына жетип тыкылдатты.

- Ким? - деген үн чыгып эшикти Толкунга окшогон толук аял ачты. - Ким керек?

- Саламатсызбы, мага Толкун керек эле, чакырып койосузбу?

- Ал үйдө жок эле, эки күндөн кийин тойу болмок, балам, ошого күйөө бала экөө шакек алганы кетишти эле…

- Кечиресиз?! - Кумарбектин башынан ылдый муздак суу куйуп жибергендей, дүйнөсү тарый түштү: "Эч качан, эч качан аларга жол бербейм, Толкун өз эрки менен макул болбойт болчу" деп кетип атты. Ал үйүнө барууну ойлободу. Башы оогондой бак ичинде басып жүрдү: "Мен үйлөнүүгө жол бербейм, мен сөзсүз түшүндүрөм, таарынычын жазам, ал мени гана сүйөт!" деп санаага чөгүп отуруп кеч киргенин байкабай айлана караңгылыкка чулгана баштаганда гана үйүнө келди. Аны Барчынай каршы алды:

- Уулум, мынча кечигип кайда жүрөсүң?

- Иштер чыгып… - Кумарбек күң-мыңк эте төркү үйгө өтүп кетти.

- Кумаш келдиби? - Тобокел аркы бөлмөдөн үн салды.

- Ооба, үйгө кирди.

- Кардын тойгузсун, сүйлөшө турган сөз бар!

- Кумаш, кел уулум, кардың ачкан чыгаар, тамактанып ал, атаң сүйлөшөм дейт.

- Кардым ток, эртең сүйлөшөм, башым ооруп турат, жатып алдым.

- Капырай, столовойдон тамак ичтиңби? Ооруп каласың, ачка жүрбө? - Барчынай өзүнчө сүйлөнүп атты. - Ботом, балдардын кыял-жоругу чоңойгондо такыр өзгөрүп кетет окшойт?

- Тим кой, ач болсо өзү эле ичет, - кайдыгер унчукту Тобокел.

- Балдарга кичине тарбия берип койбойсуң, кеч калба дегендин ордуна…

- Чоңойду, акыл айтуунун кажети жок, жолду өзү тандап алат, экөөбүздүн айткан акыл акыл эмес! Ошону менен ар кимиси өз алдынча кечки жатаар камын көрүп өз ордуларына жатып калышты. Эртеси туруп сабакка жөнөөрдө сүйлөшүүнү күткөн Тобокел улам Кумарбектин бөлмөсү жакты карап атты. Бирок ал чыкпады: "Сабактан кечикти, эмне болду буга?" деп ойлогон Тобокел анын бөлмөсүнө баш бакты. Али ордунан козголуп койбой чүмкөнүп жаткан уулун жанына барып ойготту:

- Ээ уулум, сабактан кечикпедиңби, эмне болду сага? - Көзүн ачкан Кумарбек уйкусурай:

- Ата. чарчап кеттим, бүгүн барбай эле койойунчу, - деди.

- Эмне, бир жериң ооруп жатабы?

- Сопсоомун ата, бүгүн…

- Болуптур, - Тобокел унчукпай чыгып өз кызматына жөнөдү.

Атасы кеткенден кийин Кумарбек шаша кийинип алып чыгып баратканда Барчынай:

- Ой бала, бирдеме ичип алсаң боло? - деди артынан.

- Ичпейм апа, кардым ток! - деп жүгүрүп кетти. Шашып-бушуп автобуска түшүп Толкундун үйүнө келди. Аны кечээги аял кабыл алды.

- Эже, Толкунду айтып койосузбу?

- Ал азыр уктабатат, эмне жумушуң бар эле, айтып койойун?

- Зарыл ишим бар эле, бир эле мүнөткө… - Кумарбек жалдырап ийди.

- Алда-а катыгүн ай, ойготуп көрөйүн… - Гүлай ичкери кирип кетти. Бир топтон кийин көзүн уйкудан зорго ачкан Толкун чыга келди. Кумарбекти көрүп делдейе калды:

- Кумар, сенби?

- Толкун мен сага жолугайын деген элем, үйүңө кире албай канча жолу кайра кеттим, - ыңгайсыздана туруп калды. - Толкун… Мен сага баарын түшүндүрөйүн дегем, кийинип чыкчы, сүйлөшөлү.

- Кумар, кечирип кой мени, эми баары кеч, мен күйөөгө чыкканы жатам, эртең биздин тойубуз болмок…

- Толкун, мени укчу, биз экөөбүз бири-бирибизди… - деп келатканда Толкун аны токтотту:

- Кумар, биз бири-бирибизди сүйгөнбүз, ооба, ал жомок болуп калды, анын кайталоонун зарылдыгы барбы? Сүйүү деген кыял, жөн эле сөз, эми экөөбүз бирикпейбиз, мен убада берип койгом, демек тойду токтотууга болбойт, кош! - Эшикти жаап кирип кетээрде Кумарбек кармай калды.

- Токточу Толкун, мен сага баарын айта элекмин, сен экөөбүздү атайы көрө алышпай…

- Ал өттү-кетти, мен өкүнбөйм, мен өз тагдырымды чечип койгом! - тарс эттире эшикти жаап кирип кетти.

- Толкун, Толкун! - деген Кумарбек бир аз туруп артка кайтты. Ошондо үмүтүн биротоло үздү: "Демек баары бүттү, күнөө менде, эмнеге көрүнгөндүн тилине кирдим, көңүлүн калтырдым", жолдо келатып ушуларды ойлонуп жүрөгү сыздап келатты.

Кечки тамакта да отурбаган уулун Тобокел чакырып алды:

- Уулум, сага эмне болду, сен баштагыдай эмессиң, сырыңды айтчы, деги тынччылыкпы?

- Жөн эле ата, баары жайында!

- Жок, жайында эмес, сен менден сыр жашырып жатасың?

- Ата, - деди Кумарбек ойлуу атасына карап. - Мен бир кызды жактырчумун…

- Эмне болду? - Тобокел сынай сурады: "Акырына чейин угайын" деген ойдо. - Ал сени жактырбай койдубу?

- Жок, андай эмес, тескерисинче биз бири-бирибизди жакшы көрчүбүз.

- Анан эмне болду?

- Экөөбүздү кыздар ушактап бузуп…

- Таарынышып калдыңарбы?

- Таарынышып жүргөнбүз, анан… Анан анын жакында тойу болгону жатат.

- Бактылуу болсун!

- Акыл айтат экен десе, сиз… - Кумарбек атасына таарына бөлмөсүн көздөй жөнөгөндө Тобокел аны токтотту:

- Токто, кайда барасың, бактылуу болсун дебегенде эмне демек элем, сен деле жакында үйлөнөсүң, эмне болуптур, тийсе тийет да?

- Мен ансыз жашай албайм!

- Жашайсың, сен мен алып берген кызды аласың, уктуңбу?

- ? - Кумарбек үндөбөй бөлмөсүнө кирип кетти. Атасына тил кайтара албады. Тобокел өзүнчө кыжаалат: "Атаңдын оозун урайын баласы, сүйүп кеткенин, ай чырайлуу кызга көңүл бурбай кайдагы бир кызга байланып" деп ойлонуп кыжыры келе берди. Ал эртең кандай күн болуп кетээрин, уулу катылган сырды сууруп чыгаарын сезбей өз ойун туура көрүп атты: "Сөзсүз Аруукеге үйлөнтөм, ал жалгыз кыз, жалаң эркек балдардын арасында чоңойгон кыз, эгер менин уулум аны чанганын укса намысынан өлүп калышы мүмкүн, мен ага жол бербейм" деген ойдо иш столунда отура берди. Барчынай ага кийлигишпеди, башынан бир мүнөз неме: ". Ата-бала өздөрү чечип алсын" деп эч нерсе укпаган болуп жумушун бүтүрүп орун салып жатып алды. Тобокел өзү күндө бир нерселерди жазып иш столунда түн бир оокумга чейин отура берчү адаты бар. Бүгүн да көнүмүш адатынча кагаз карап отурат, бирок ичинде кыжаалат ой: "Эртең той, конок камын көрүп койдук, эми бул бала уят кылбаса болду" деп ойлору жетелеп ар кайсыга жоруйт.

Айткандай эле Кумарбек түнү менен уктабай жатып, кеч турду. Барчынай аны жадырай карады:

- Уулум, бүгүн сенин өмүрүңдө унутулгус жакшы күн, Аруукедей сулуу кыз биздин үйгө келин болуп келет, эртерээк турбайт белең, үйлөнчү киши дагы уктап жата береби? - Кумарбекти чекесинен сүйүп койду. Кумарбек үндөбөдү, дасторконго барып отурду да бирдеме жалмалап алып чыгып кетти. Ал жолдо баратып түндө көргөн түшүн эстеп кызыктай боло түштү: "Кызык, ал мени сайганы жатканда кайдан-жайдан бир нерсе алып учуп кетти, аны мен табам да, апамдын өчүн алам" деген ойдо чечкиндүү баратты.

Ал келгенде короодо эл көп эле. Күрүчбектин заңгырата кыштан салган алты бөлмө үйүндө кудалар бар. Эшикте конок күтчү адамдар кызмат кылып бактын ичине чоң кылып столго дасторкон жайып жасалгаланган. Кыз-күйөө ЗАГСка кетип жаткан. Кумар короону айланта карап босогодо туруп калганда бир адам аны көздөй басып келди.

- Иничек, сага ким керек?

- Толкунду айтып койосузбу?

- Алар ЗАГСка кеткенге даярданып жатат, чыга албайт го?

- Мен анын курсташы болом, бир мүнөткө эле айтып койсоңуз? - Кумарбек тигил адамга жалдырап ийди.

- Айтып көрөйүн, чыга албаса мага капа болбо, иним, - Ал ары карай басканда Гүлай Кумарбекти көрүп калды:

- Балам, Толкундун убактысы жок, башка күнү жолукчу, алар азыр кетишет!

- Эже, бир жолугуп эле кетем, кийин эмес азыр жолугушум керек! - деген Кумарбек дарбазадан чыгып күтүп туруп калды.

- Толкун, сен эмнеге мени таштадың, мен баары бир сени ага бербейм, жүрү кеттик, түз эле менин үйүмө! - Кумарбек андан жооп күтүп турбай эле колдон ала жетелей жөнөгөндө Толкун күч менен колун тартып алды.

- Эч качан сени менен кетпейм, экөөбүздүн жолубуз эки жакка бөлүнгөнүн сен билесиң да, баары бүткөн, сыйың менен кетип кал азыр, болбосо атам чыкса бирди көрөсүң, көрүнбөй кетип кал!

- Кетпейм, сени бул жерден, азгырыктардан сууруп кетмейин эч жакка барбайм, - Кумарбек кайра өжөрлөнүп Толкунду колдон алды. - Сен убаданы, антыбызды унуттуңбу, экөөбүздүн ортобузга от жаккан кыздардан мен өч алгам, сен мага ишенчи Толкун!? - Кумарбек Толкунга түшүндүрүүгө аракеттенип атты:

- Актанбай эле кой, баары кеч болуп калды Кумар, артка кайта албайм.

Алар тарткылашып жатканда Ташыбек чыгып келди:

- Эмне болду Толкун, убакыт өткөрбөй жөнөйлү? - Ал Толкундун колун бекем кармап алган Кумарбекти көрүп, - Сиз Толкундун курсташы болсоңуз биз менен жүрүңүз! - деди кичипейилдик менен ага кайрыла. Кумарбек анын сүйкүмдүү жигит экенин, чындап эле Толкун экөө бири-бирине жарашып турганын көрүп бир аз экөөнү алмак-салмак карап туруп анан:

- Мен курсташы эмес, жигити болом. Толкун экөөбүз таарынышып жүргөнбүз… - деди башын жерге сала. Ал ушул кезде: "Күйөөсү өңү-түсү жагынан тең келет экен, акыл-эсичи, Толкун өзүн бактылуу сезсе тим эле койсомбу, чуу кылып отурбай?" деп ойлонуп кетти эле Толкун:

- Кумар, биздин сүйүү балалык сүйүү тура, мен эми гана теңимди таптым деп ойлойм, анткени биз бири-бирибизди сүйөбүз! - деди Ташыбекти колтуктан ала. - Эгер мени чындап сүйсөң анда мага тоскоолдук кылбачы?! - Көзүнө жаш, көкүрөгү толо муң, аргасыз сүйлөп жатты…

- Толкун! - Өзүн карманалбай калды Кумарбек, ал сүйүүсүн бирөөгө тарттырып ийгендей намыстана Ташыбек аны мыскылдап тургандай көрүнүп кетти. - Мен сени эч кимге бербейм! - деп Толкундун колун жулуп алып күч менен сүйрөй баштады. Ошондо Ташыбек Кумарбекти токтоо карап:

- Дос, жүр эркекче сүйлөшүп келели, балким экөөбүз келишип калаарбыз? - деп Толкундун колун бошотуп, Кумарбекти ары көздөй колтуктай басты. Толкун көзүнүн жашын мөндүрдөй төгүп алардын артынан карап кала берди: "Эмнеге жеңилдик кылдым, бир аз чыдасам баары жайында болмок экен, Кумар баары бир мени таштамак эмес экен, мен дагы аны чын жүрөгүмдөн сүйгөнүм жалган беле?!" деп тигилердин артынан ойго телмире солкулдай ыйлап жатты. Азыр анын турушу үшүк урган күзгү жалбырактай дирилдеп үстүндөгү көйнөгү желге желбирей, саамай чачтары жүзүн жаба сеңселип жатты.

- Адегенде таанышып алалы, менин атым Ташыбек. - Ташыбек аны жылмая караганда анын жүзү ушунчалык сүйкүмдүү көрүндү.

- А мен Кумарбекмин! - Кумарбек ага керсейгендей карады: "Сен эле сулуу бекенсиң, мени бүт институттун кыздары ээрчиген жигитмин, мага Толкун гана жагат, аны мен сүйөм!" деп айтууга белеңденгенде Ташыбек токтоо сөз баштады:

- Кумарбек, эгер чын эле Толкунду сүйгөн болсоң, эмнеге таарынтып жүрөсүң?

- Мен эмес…

- Анда ким, башка бирөөлөрдүн тамашасынан коргой албай таарынышкан турбайсыңбы ээ?

- Коргоп эле жүргөм, өзү мени түшүнбөй калды.

- Эмесе мындай, мен эки бирдей адамдын убалына калгым келбейт, сен аны, ал сени сүйсө демек мен өзүмдү кечире албайм, ажыратпайм. Жүр, мен ачык айтып түз эле экөөңдү ЗАГСка алып барып тойуңарга катышып, анан кете берейин!

- Жок, мен үйгө алып кетем, анан калганын атамдар менен кеңешебиз!

- Болуптур, мен каршы эмесмин, Толкунду бактылуу кылсаң эле болду, сүйлөштүк анда…

- Сүйлөштүк! - Экөө эрчише басып дарбазаны ачып киргенде Толкун эч нерсе түшүнбөй тура берди.

- Туугандар, мен силерден адегенде кечирим сурайм! - деген Ташыбек бир азга туттуккандай башын жерге сала кызыктай абалда жылмайып алып, дароо кайрадан башын көтөрдү да: - Сиздер мени кечириңиздер, Толкунду ыйлатып жар кыла албайм, Толкун өзүнүн сүйгөн жигитине турмушка чыкмак болду, биз эми кетели?! - деп ата-энесин көздөй басканда элдин ичинен Күрүчбек чыга калды:

- Кана ким экен ал, менин куттуу үйүмдө тойду бузган? - Толкунду карады эле анын көз жашы эки бетин жууп турган экен. - Толкун, келчи мындай? - деп Кумарбек жакты караганда ал өзүн жоготуп койо жаздады: "Бул, ким болду, мен киши өлтүргүчтү көрүп турам го?" деп делдейе бир аз туруп Толкунду да унута жүгүрүп жетип Күрүчбекке асылды:

- Канкор! Сен тирүү экенсиң да ээ?! Сени соо койбойм! Милиция чакыргыла, бул менин апамды өлтүргөн! Акмак, кан ичкич, биздин алтындар менен ушунча даражага жеткен экенсиң!!!

- Ой-ой, бу бала эмне деп жатат ыя, алгылачы, - дешип Кумарбектин колун бошото албай жатышты:

- Бул бала кайдан келген деги, менин киши өлтүргөнүмдү кайдан көрүптүр ыя?! Бошоткулачы, өпкөсүн үзүп салайын бу күчүктүн! - Күрүчбек көкмөк болуп деми жетпей колун бошоткондон кийин дале үнүн баспай кыйкырып жаткан Кумарбекке жакындоодон тайсалдай беритен үн катты:

- Эй жигит, сен түшүңдөн чоочуган жок белең, эмне деп эле элдин көзүнчө былжырап атасың ыя?

- Шашпа, эми сени жерге кирип кетсең да таап алам, апамдын өчүн өз колум менен алсам дедим эле болбой калды, канкор, кан ичкич! - Кумарбек өзүн көздөй келе жаткан Толкунду көрүп токтой калды, эл болсо тымтырс.

- Кумарбек, сен эмнеге атамды эл көзүнчө уят кылып атасың, азыр биерден жогол!

- Охо-оо, сен ушул жерден мени кубалагың келип жатабы ыя?! Бул үй, мобул дүнүйө менин апам менен таекелеримдин канына жуулуп табылган, сени сүйгөн жүрөгүмө ыраазымын, сен болбосоң мынабу канкорду өмүр бойу табалбай кетмек экемин! Бактылуу бол, эми мен сага үйлөнө албайм, канкордун колунан чоңойгон кызды эми көргүм да келбейт, - деп чыгып кетти.

Турган эл эмне болуп кеткенин түшүнбөй Күрүчбек менен Гүлайды карады. Той уланбады. Кадыркул аялы менен уулун ымдай ары барып кеңешип турганда Күрүчбек алардын жанына барып:

- Досум, бир чычкак баланын айтканына анчалык эле капа болбой тойду баштай берели, балдар барып келе берсин! - деди эле Кадыркул:

- Күрүчбек, азыр койо туралы, Толкун да аны сүйөт тура, жана айтканын укпадыңбы, бир жаңсыл болуп анан тойду өткөрөбүз, кайда качмак эле… - деп башын кашып койгондо Күрүчбек жинди болгон немедей:

- Болду, тарагыла үйүңөргө, той болбойт! - деди да үйүнө кирип кетти: "Бул шүмшүк мени кандайча таанып калды, демек ошондо мени көргөн, эсине сактап калганын кара", деп кыжаалат болуп тынчсызданып атты.

Эл кеткенден кийин Толкун атасына кирип:

- Ата, ушунун баары чынбы? Мени, элдин көзүнчө баарыбызды уяткарды! - деди ыйлай.

- Кызым, сен баары бир түшүнбөйсүң, болгон бир убакта, силердин келечегиңер үчүн жасагам! - деди Күрүчбек башын мыкчый, - Ошондо билгенимде күчүк кезинде жайлап салмакмын!

- Андай болсо мени тирүү көрбөйсүңөр, ушундан көрө… - Толкун жүгүрүп ички үйгө кирип кетти.

- Андан көрө сен кача тур, эми келип калышат, соо койбойт, көздөн далдаа кете тур. Толкун ал бала менен сүйлөшүп көрсүн, балким бири-бирин сүйсө баарын кечээр? - Гүлай корккондой сыртты карап сүйлөдү.

- Эми баары бир, качсам да табат, андан көрө мен ал баланын көзүн жоготуп жаным тынбаса… - Кыжырдана ордунан турган Күрүчбек сыртка чыгып кетти.

Кумарбек шашып үйүнө келсе Тобокел үйдө экен. Аны көрүп эле демиге айта баштады:

- Ата, апамды өлтүргөн кишини таптым, милиция эрчитип барып карматыш керек!

- Отуруп демиңди басчы уулум, сен ал кезде кичинекей болчусуң, далилдей аласыңбы?

- Далилдейм, мойунуна койуп берем!

- Аны кайдан, кантип көрүп калдың? - Тобокел шашпай сурай баштады, - же жолдон эле көрүп келип калдыңбы?

- Жо-ок ата, биз бүгүн киришпесек ал бизге катылышы мүмкүн, бирок бир топ эл укту менин канкор дегенимди.. Бол ата, кечигип калабыз?

Тобокел ойлуу бир топ отуруп калды: "Бирөөнү жөндөн жөн эле карматып алсак, далилибиз болбосо, кичинекей баланын адашып калышы мүмкүн" деп ойлонуп ордунан туруп:

- Уулум, сен аны канкор деп кайдагы элдин алдында айттың?

- Үйүндөгү коноктордун көзүнчө… Ата мен анын кызы менен сүйлөшүп жүргөм, көрсө анын атасы мен издеп жүргөн киши экен…

- Милицияны койуп экөөбүз баралы ага, анан көрөбүз, - Тобокел ордунан туруп кийинип жөнөдү. - Кеттик!

Кумарбек атасынын артынан чыгып машинага түштү. Алар келгенде Күрүчбек алардын үйүн акмалап Кумарбектин үйүнөн чыгышын күтүп аны өлтүрмөккө жөнөп кеткен болчу. Үйүнөн бир топ акча алды да өзү тааныган түрмөдөн чыккан эки таанышына келип столдун үстүнө Кумарбектин сүрөтүн таштады:

- Мына бул баланын көзүн тазаласаңар каалаган акчаңарды аласыңар!

- Кайда жашайт?

- Үйүн көрсөтөм. - Үчөө чыгып алардын үйүнө келгенде Тобокел менен Кумарбек кайра келип калган эле.

- Буларды жок кылгыла, эч ким билбегендей болсун! - деп кайра артка кайта берээрде таксиден Толкун түштү. Аны көргөн Күрүчбек машинаны токтотуп карап калды. Толкун Кумарбектердин короосун такылдатып үйүнө кирип кетти. Ал мындайча болгон эле. Тобокел менен Кумарбек Гүлайга жолугуп: "Күрүчбек биз менен адамча сүйлөшсүн, жамандык кылбайбыз, арам ойлоп бир нерсени ойлосо анда өзүнө жаман" деген эле. Гүлай ички үйдө ыйлап жаткан кызына кирип:

- Толкун, атаң Кумарбекти өлтүрөм деп кетти, ал эми алар жакшылыкча сүйлөшсүн деп келиптир, жакшы адамдар турбайбы, атаңды кантип табабыз? - деди эле Толкун ордунан тура калып апасына ызалуу минтти:

- Апа, мен атамдын ушунчалык канкор экенин билбепмин, Кумарбекти өлтүрө турган болсо мени кошо өлтүрсүн! - деп кийинип алып шашылыш таксиге отуруп келе берген.

- Кеттик, эртең окууга жөнөгөндө жолдон тоскула. - Күрүчбек аларды машинадан түшүрүп койуп үйүнө жөнөдү. Келээри менен аялы Гүлай:

- Кайда жүрөсүң, тиги бала атасы экөө келип кетти? - деди.

- Эмнеге келиптир, түрмөгө тыгам дейби?

- Жок, сен угуп турчу, Жакшылыкча сүйлөшсүн деди го?

- Арадан жыйырма жыл өтүптүр, ошондо баласы сегиздерде болсо керек, мени көрүп, эстеп калганына караганда зирек неме го, - ойлуу ары-бери басты. - Жакшылыкча сүйлөшпөйт го, алдап салып берели деп аткан окшойт, үч-төрт кишисин жайлаган немени оңой койо бербейт да, кемпир?!

- Жаман ойлой бербечи, кызың болсо ошол бала менен кошо өлөм, атам аны өлтүрсө мени кошо өлтүрсүн деп ыйлаган бойдон чыгып кетти.

- Мм де, - ойлонуп отура калып кайра тура калып тынчсызданып атты, - кызың түшкүр ай, дал ошол алып келди да балакетти, болбосо дайынымды таптырбай кеттим эле… - чабалактап жатты. - Ушунчадан экөө сүйүшүп калган тура?! - Маанилүү сөз айтчудай аялына жакын келип. - Эгер бул иш ачылса менин башымда беш кишинин каны турат. Ырас, мен силер, бала-чакам үчүн ушуга баргам. Өмүр бойу жокчулук менен өткөн ата-энемдин колунда эптеп чоңойгонбуз, иним, агам кийин өлүп калды. Бул байлыкты, алтынды Манатбек деген айтып көргөзбөгөндө дале ошол бойдон жашамакпыз, мени азгырды… Сен кайраттуу бол, балдарды кара, уулуңа телеграмма жөнөтүп ачык айтып кат жаз. Москвадан келип убара болбосун, өлбөсөм келээрмин…

Толкун эшикти какканда Барчынай ачты.

- Ким керек? - деди үрпөйө. Ал эмеле Тобокелди угуп коркуп калган болчу.

- Эже… Эже мен Кумарбекке сөзсүз жолугушум керек!

- Эмнеге, ал үйдө жок, аны тынч кой! - Барчынай эшикти жаап аларда Толкун жаптырбады:

- Эжекебай, мени түшүнүңүз, өтө маанилүү сөз, башка бирөө укпаш керек!

- Кирчи ичке. - Барчынай ичке киргизип эшикти илди да, - Кана мага айта бер? - деп аны кунт койо карап кулак төшөдү.

- Менин атам… Менин атам Кумарбекти өлтүргөнү жатат! - ыйлап жиберди. Ошол убакта сыртка чыга калган Кумарбек:

- Апа, ким менен сүйлөшүп атасыз? - деп бери басты эле анын алдын утурлай чуркады:

- Кумар, мен сага атайын келдим, атам сени өлтүргөнү чыгыптыр, апамдан угуп сага жөнөдүм.

Кумар адегенде делдейе түштү, кантсе да өлүм деген түрү суук жаман сөз сестентти белем, үндөбөй тура берди.

- Эмне дейт катыгүн, кандай балакет неме эле, аны түндөн калтырбай милиция менен кармаш керек, үч адамды өлтүргөнү аз келгенсип эми дагы кан ичмеси кармалыптырбы, көзүмө көрүнсө өзүм эле өч алат элем. - Барчынай жинденип сүйлөп киргенде Тобокел чыга калды:

- Баарың чыгып ким менен сүйлөшүп атасыңар?

Ал басып келип Толкунду көрө. - Бу кыз кайдан келди? - деп Кумарбекти карады:

- Ата, мен сизге айткан кыз ушул, атасы мени өлтүргөнү үйдөн чыгып кетиптир. - Үрпөйө атасын карады.

- Демек адамча сүйлөшүүнү каалабаган экен да?

- Жок агай, ал сиздерден мурун чыгып кеткен экен, апамдан угуп алып биякка жөнөдүм, түндөп кол салышы мүмкүн!

- Кудай сактасын. - Тобокел кенебегендей көрүнгөн менен ичтен кооптонуп алды. - Эч нерсе болбойт кызым, коркпогула, кеч кирип кетти, сен биерге конуп ал, жүргүлө үйгө кирели, - деп үйгө басты.

- Сен ойлосоң боло, ал Манатбекти да, Сейтекти, Саринжи менен Седепти өлтүргөн, түрмөгө түшкөндөн көрө киши өлтүрүп качып кетсе күбөсү жок кармалбай калам деп аткандыр… - Барчынай безилдеп кетти.

- Байбиче, кабатырланбачы, үйдөгү балдарды да коркутасың, мен азыр милицияга билдирип койом.

- Ошентпесең болбойт. - Барчынай көңүлү тына тамак ашын даярдап дасторконго койду.

Түнү менен укташпады, ар кимиси сыртка кулак түрүп жатты, эч кандай дабыш болбоду. Эртеси эрте Тобокел баары уктап жатканда милиция менен Күрүчбекти кармап кетти. Толкун да ойгонуп алып Кумарбекке кат жазып кетип калды. Катта: "Кумарбек, сен мени кечир, сени үйбүлөң менен сактоо үчүн келгем, атам үчүн кечирим сурайм, а мен бул дүйнөдө жашагым келбей калды, өмүр бойу киши өлтүргүч, канкордун кызы аталбай эле барчу жакка тынч кетип калганым жакшы. Кош, аман бол менин ак сүйүүм! Толкун. 1972-жыл", деп койуптур. Катты түнү менен уктабай жатып кеч уктаган Кумарбек ойгонуп сыртка чыгып келгенден кийин көрүп үйдөн шашып чыгып анын үйүнө жөнөдү. Ал келгенде Гүлай ыйлап отуруптур.

- Саламатсызбы эже, Толкун келдиби? - деди көрүп эле.

- Ал үйдө жок, кечээ силерге кеткен бойдон келе элек…

- Жок, андай болушу мүмкүн эмес, - Кумарбек колундагы катты берди эле Гүлай чоочуп жүгүрүп Толкундун бөлмөсүнө келсе ал жок, кайра чыгып сарайларын экөө карап жатып анын асылып турган денесин көрдү. Ал эбак эле муздап калган экен. Кумарбек чөгөлөй отуруп алып ыйлап жатты: "Сен мени өлүмдөн сактадың эле, мен сени сактай албай калдым, кечир мени, неге таштап кеттиң?" деп ичтен сыздап Гүлай экөө кыздын денесин үйгө алып кирип жаткырышты. Түштөн кийин Күрүчбекти эки милиция алып келишти. Өкүрүп-өксөгөн ал кылган иштерине өкүнүп жатты. Толкунду жерге бергенден кийин Күрүчбекти суракка алып соту болуп жатты:

- Күрүчбек Сатыбалдиев, сиз эмне үчүн адам өлтүргөнсүз, себебин айтыңызчы? - деди сот ага кайрылып.

- Мен киши өлтүрөйүн деген ойдо эмес элем, андан бери көп жыл өттү, мага бул кишинин күйөө баласы, теңтуш бала алтын бар экенин, кайненесин байлап салып алып чыгып кетүүнү айткан, бирок жылан аны чагып алып бизди киргизбеди. Ошонун айынан Манатбектин аялы да өлгөн, анын бойунда бар экен, коркуп кетип жыгылып калып өлдү. Манатбек ошондон кийин баарынан баш тартты.

- Анан эмне болду?

- Анан биз үчөөбүз ушул ишке кириштик…

- Алар кайда азыр?

- Экөөнүн бири жылан чагып өлгөн, бирин алтындан кызганып мен өлтүргөм!

- Урматтуу жолдоштор, Сатыбалдиев Күрүчбек, 1928-жылы Акталаа айылында туулган, беш кишини өлтүрүп жашырып, маралдык жана материалдык зыян келтиргендиги үчүн… - деп сот өкүмүн угузганы калганда залдан Тобокел тынчтыкты бузуп сүйлөөгө уруксат сурады.

- Уруксат этиңиз, жолдош сот?

- Сүйлөңүз.

- Мен Сатыбалдиев Күрүчбекке доом жок экенин билдирем, биринчиден арадан жыйырма жыл өтүп кетти, экинчиден дал ушул окуядан улам бул адамдын бойго жеткен кызы өзүн өзү асып өлдү, өз убагында кандай болоор эле билбейм, мен азыр бул кишиге доом жок!

- Эмнеге, балам?! - ушул учурда анын катарында отурган Айымгүл ордунан тура калды, эне эмеспи, балдары жаңы өлгөндөй ыйлап алган, - Эмнеге, мындай адамды жазасыз койгон кантип болсун?

- Жок, бул кишини бошотуңуздар, бала балалык кылды, адам каны ансыз да муну соо койбойт! - Тобокел кайненесин далысынан таптай соорото ордуна отургузду. - Менин доом бүттү!

- Жолдоштор, жабырлануучулардын атынан сүйлөгөн Тобокел Барктабасовдун соттоого каршы болушу, жашынын өтүп калышы, мурда соттолбогону эске алынып Сатыбалдиев Күрүчбекти жеңилдетилген жаза менен беш жылга эркинен ажыратууну чечти, бул өкүм он күнгө чейин күчүндө болот, он күнгө чейин арыздансаңар болот! - дегенде Күрүчбектин туугандары кол чаап жиберип Тобокелге ыраазылыгын билдирип тегеректеп калышты. Анткени он беш жыл берип койобу деп чочуп турушкан. Күрүчбектин аялы Гүлай Тобокелдин колунан өөп:

- Ыраазымын садага иним, кечиримдүүлүгүңө чексиз ыраазымын, мен силерден мындайды күткөн эмес элем, Бакай атанын айкөлдүгүн, Манас атанын эрдигин, Курманжан эненин чечкиндүүлүгүн жасадың, өмүр өткөнчө унутпайбыз, бул жакшылыгыңды актайбыз, - ыйлап да, сүйлөп да жатып Айымгүлгө барды, - курдаш болбосок бир аз эле улуу экенсиз эжекебай, атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер дегендей кең пейилдигиңерге ыраазыбыз. Мен да ушунун айынан чырактай кызымдан айрылып отурам! - деп бышактап сыртка ээрчише чыкты.

Ошондон он күн өтпөй Тобокелдин үйүнө Гүлай баш болгон он чакты адам келди. Күрүчбекти да ээрчите келишкен экен. Бир ат тартуу кылып Айымгүл менен Атабекке бир сыйра, Тобокелге костйум шым, Барчынайга бала-чакасына чейин кылып он миң рубль менен келишиптир. Ошентип кыргыздын ата-салты, каадасы, кечиримдүү кең пейилдиги дагы бир жолу тастыкталып бир кездеги боздотуп туруп дайынсыз кеткен канкорду койнун ача тосуп алып бет маңдай отуруп дасторкондо даам сызып отурушту. Толкунду эскеришти. Айымгүл канчалык ичтен сыздап колуна тийгизсе тытып жечүдөй кыжыры кайнап ошол күнкү үч өлүктү тегеректеп боздогонун көз алдына келтирип алып мууну бошоп отурду: "Аттиң айла канча, эки бирдей уулумду, кызымды жаштайында жайраткан канкорго кудай гана жеткирсин, ушунча жылдан кийин балдарымдын арбактарын кыйнабайын" деп үшкүрүп алып отуруп калды. Тобокел кыймыл аракеттеринен аны байкап отурат. Атабек үнсүз. Айрыкча Кумарбек атасына жал-жал карап: "Эмнеге бул канкордон өч албай кайра төрүбүзгө өткөрүп тамак беребиз, Толкун да ушунун айынан өлдү!" дегенсип көздөрү менен арбаша түшүп жатты.

- Эрдин ишин кылдың, Тобокел Барктабасович, жакшы киши көтөрүмдүү, кечиримдүү болот эмеспи, мартабаңыз өсө берсин, иттин иттигин адамдын адамы түшүнөт, айкөлдүгүңө миң мертебе ыраазыбыз! - Күрүчбектин аталаш иниси ага ыраазычылык билдирип атты:

- Мени азгырган байлык болду, Манатбек болбосо мен да өз жашоомду өткөрө бермекмин, Тобокел. Мен өмүр бойу ата-балага жете турган байлыкты кайрып өзүңөргө алып келдим, кечиргиле, өмүрүм өткөнчө астыңардан кыя өтпөйүн. Мендей иттин иттигин кечиргениңе рахмат! - Күрүчбек баштыктагы алтын-күмүштү жылдырып колун бооруна ала ийилди, - Өлүм жазасын берсе да болмок!

- Болуп өткөн окуя азырга чейин жүрөгүбүздү сыздатат, бирок алардын арбагы тынч жатсын, жыйырма жылдан кийин козгобойлу… Сени соттоткондо эмнени тапмакпыз, бир гана кудай жазаласын! - дегенде отургандар бири-бирин карап калды. - Мен сени каргаган жокмун, жазасыз калбайсың баары бир!

- Аның ырас, эгер бул иш болбогондо куда болмок экенбиз, кудайдын буйрубаганы ошол, аткан окту житкен ок табат деп экөөнүн мамилесинин аркасында минтип ашкере болду, бу да болсо кудайдын кылганы… - Гүлай кошулду сөзгө.

- Айымгүл апа, өзүңүздөр бата берип койуңуздар, катышып туугандай мамиледе бололу, - Агасы Атабек менен Айымгүлдү карады.

- Айланайындар, эми бизде кайсы сөз, Тобокел айткандай арбакты козгобойлу, баарыңар бала-чакаңар менен аман болгула, кечтим, кегимден кайттым! - Атабек аларга алакан жайып бата бергенде баары бата кылышты.

- Кулдугубуз бар кең пейилдигиңерге, айкөлдүгүңөргө. ыраазыбыз! - деп тигилер дагы алакан жайды. Аларды узатып койуп үйгө киришкенде Кумарбек:

- Ата, мен кичинемден бери ошол киши табылса өч алам деп ойлочу элем, эмнеге анчалык кең пейилдик кылып койдуңуз? - атасынын маңдайына отуруп сурады.

- Балам, ошол кызуусунда болгондо болмок, неге ошондо айтпадың, сенин айтканың бойунча издемекпиз, эми эскирди, апаңдын, таекеңдердин арбагын кыйнабайлы, аны кудай жазалайт! - Тобокел ойлуу уулунун башынан сылады, - Сен балалык кылган экенсиң да?!

- Мен ошондон бери көз алдыма келтирип жүрчүмүн да.

- Эми бүттү! - Ошону менен эч кимиси сөз сүйлөбөдү. Айымгүл төрдө жаткан алтынды көрсөтө минтти:

- Көзүмө көрсөтпөй жок кылгылачы, бул кара жолтойдун айынан балдарымдан айрылгам, дегеле жер жуткурду көөмп койгулачы!

- Ансыз да анын бизге кереги жок апа, муну иги-жигин билгизбей катып койобуз.

Ар кимиси өздөрүнчө ойго жетеленип жатууга киришти. Жашоо дегениң адам баласына табышмак, алдыда кандай нерсе турганы билинбеген туңгуйук, өмүрдүн улам алды жагы кызык, бүгүнкүсүнөн эртеңкиси жакшы үмүттөргө жетелеп алга карай умтулууга аргасыз кылат! Тобокел бир топ санаанын жетегинде бирде уулунун чырымтал кездеги киши өлтүргүчтү карегине сактап жүргөнүн, бирде канга чыланып жаткан эки кайниси, бирде жансыз суналып өлүп калган аялын көз алдына келтирип өзүнчө кыйналып жүрдү: "Туура кылдымбы же жексурду түрмөнүн жети катар түбүнө чиритип оор жазага тарттырсам болот беле?" деп өз кылганына баа бере албай кыйналып атып акыры бир чечимге келди: "Болоор иш болду, жазасын кудай берсин" деп өз ишине киришти. Бул арада Сайдимурат аялы экөө алардын абалын сурап келип кетишкен. Эми Тобокел кызына куда түшүп өздөрүнчө кеңешип койду. Кумарбекке Толкундун өлүмү абдан катуу тийди. Көпкө чейин кыйналып Толкундун асылып турганы, кан-сөлү жок сулк жатканы көз алдына келип кээде түшүнө да кирип тынчы кетип сабакка да көңүлсүз барып атты. Тобокел тез арада үйлөнтүүнү чечти. Камы бүтүп үйлөнөөр кез да жетип келди. Арууке желбирете кийген аппак көйнөгү, аркасына өрүп таштаган узун чачы бойу менен тең болуп жарашып Кумарбек менен бирге студенттердин бир тобу машинада дуулдап ЗАГСка жөнөштү. Эч нерсеге көңүлү келбеген Кумарбек ойлуу Аруукени астыртан карап койуп кетип жатты.

- Кумар, ушундай сулуу кыз жаныңда баратканда көңүлүңдү ачпасаң болбойт го, мына турмуш деген табышмактуу жашоонун барактарын жаңыдан ачканы турасың, Үрдүн кызы мындан ары жаныңда, кандай гана бактылуусуң? - күйөө жолдош болуп бараткан Эмир аны колтукка түрттү.

- Рахмат досум, ошол бактыма жетине албай, Аруукенин баркына жете аламбы же жете албаймбы деп ойлонуп баратпайымбы?! - Кумарбек Аруукени аста карап койду. - Арууке айтчы, сен өзүңдү бактылуумун деп сезип атасыңбы? - Кумар кыздын колун кармай жүзүнө тигилди.

- Билбейм, - Арууке жылмайганда жүзү кызарып кетти.

- А мен өзүмдү башкалардан алда канча бактылуу сезип турам, биз бактылуу болобуз ээ?

- Ии-ии, - Арууке башын ийкей анын сөзүнө кошулгандай жылмайып койду. Күнү кечке ойноп жүрүшүп ЗАГСтан чыккандан кийин кеч кайтышты. Аларды күтүп жаткандар жалпы столго отурушуп, жаштарды өзүнчө койду. Эки жак биригип комсомол тойдо Кумарбек менен Аруукеге үйдүн ачкычын беришти. Биринчи сөздү Атабекке беришти:

- Балдарым, менин айтайын дегеним… - Атабек бир азга ойлонуп, отурган элди кыдырата карап алды, - Ушул күнгө кандай азап-тозок менен жеттик, силер бактылуу жаштарсыңар, айланайындар, мына неберенин тойун көрүп, ошолордун бактылуу жүздөрүнөн бакыттын нуру чачыраганга күбө болуп отурганыма мен… Биз Айымгүл экөөбүз да абдан ырыстуу кары экенибизге ыраазы болуп отурам. Ылайым согуш дегенди көрбөй үйүңөрдөн кут кетпей алдыңкы жаштардан болгула, ак бата алдыңардан келаткан тоскоолдуктарды жарып өтүп келечегиңер кең болсун, Арууке айланайын, ак жолтой келин болуп алдыңды бала, артыңды мал бассын, оо-мийин! - Атабек алакан жайганда баары жабыла бата берип ийишти:

- Айтканыңыз келсин аяш ата, ылайым балдардын ырыскысы кемибей аяктары толо, ар дайым мелт-калт болуп турсун! - Сайдимурат ордунан тура калып кошумчалай кеткенде эл кол чаап жиберди. Ошол убакта тойду башкарып жаткан Элчибек элге карай:

- Урматтуу тойдун катышуучулары, азыр Кумарбектин таенеси Айымгүл эне небере келинге өзүнүн баалуу белегин тапшырмакчы! - деди эле дагы дүркүрөгөн кол чабуулар жаңырды, - Келиңиз апа!

- Айланайындар, менин бала кезимдеги, ата-энемдин мага деп атайы Анжияндан алып келип берген күмүш билерик, сөйкө шакектеримди келиниме өз колум менен тагып, өзүм кийип жүргөн шөкүлөмдү кийгизип койойун, - деп элди айланта карады. Баары тымтырс боло түштү, анткени ар кимиси өз ойунда: "Бул кемпирдин илгерки кийимин азыркы келин киймек беле, алжыган неме го?" деген ойдо турушкан эле. Аруукени ээрчитип башка бөлмөгө алып барып шуру-мончокторун тагып, сөйкөлөрүн кулагына илгенден кийин шөкүлөсү менен чыптамаларын кийгизип чыгып келгенде баары таң калып калышты.

- Оо, Айымгүл апа, сиз бир бектин же манаптын кызы окшойсуз, болбосо мындай кийимди ар ким эле кийип жүрбөсө керек илгери, - деди Элчибек кол чаап, - Келиниңиз Арууке Семетейдин Айчүрөгүнөн ашып түшкөн супсулуу болуп жарашып калыптыр! - дегенде отургандар кол чаап:

- Ой чын эле укмуш жарашып калыптыр, абдан баалуу белектер экен!

- Чын эле, мындайды хан менен бектин кыздары кийген да, анан ушуларды сактап жүргөнүн кара! - дешип дуулдап жатышты. Арууке дагы үстүндөгү кийимдерге кызыгып, ханышанын кандай экенин билбесе дагы өзүн ханышадай сезип турду. Айымгүл Аруукенин чекесинен өөп:

- Бак карап кадыр даарыган үйбүлөдөн болгула, жаман Кумарбегим экөөңдүн кармашкан колуңар түбөлүк ажырабасын! - деп батасын бергенде Арууке үч жолу ийиле жүгүнүп таазим кылды. - Аман болгула садагаларым, - Кумарбекти да эки бетинен өптү, - Сен жакшы күйөө бол, арам! - Баары күлүп калышты. Той аягына чыгып коноктор тарап кетишкенден кийин Кумарбек менен Арууке өздөрүнө атайы жасалган бөлмөдө калышты:

- Арууке, сенде сүйүү сезими болду беле, кимдир бирөөгө?

- Ал эмне дегениңиз? - Арууке түшүнбөгөндөй суроолуу карады.

- Бирөөнү сүйүп көрдүң беле?

- Аа-аа жок, эч кимди сүйүп көргөн эмесмин!

- А меничи, мени сүйөсүңбү? - Жанына келип эки карыдан аста кармай жүзүнө үңүлдү, - Мени сүйөсүңбү, чыныңды айтчы, же ата-эненин тили менен эле мага үйлөнүүгө макул болдуңбу?

- Мен сизди сүйбөсөм, жакшы көрүү сезими болбосо макулдугумду эмнеге бермек элем, неге минтип сурап жатасыз?

- Арууке, мындан кийин мени сиз дебей жүр, эми биз эрди-катын болдук, экөөбүз бири-бирибизден сыр жашырууга да болбойт, жаным… - Кумарбек келинчегин кучактай төшөккө келди.. .

Жашоо адамды өзгөртүп, ар кандай калчоого, бири бирин сүйүп, башканы сүйдүрүүгө да жол берет эмеспи. Арууке менен Кумарбек өздөрүнүн үйүнө көп турбай эле Атабектер алып кетти. Алардын үйүнө барып окуудан келгенден кийин кары кишилерге тамак-аш жасап, кийимин жуугандан Арууке тажап кетти. Бирок эч нерсе дебеди, алар кирсе-чыкса өз баласындай кагылып-согулуп, кабак кашын карап турат. Айымгүл али алдуу-күчтүү эле, Атабекти өзү карап, өзү киргогун жууйт. Кумарбек акыркы курс болгондуктан үйгө кеч келип, эрте кетет. Аруукеге Айымгүл өзүнүн катып жүргөн алтынын берип тиш салдырып берди. Колунда алтын шакек, сөйкөсү, чынжыры алтын, басса-турса колунда бапыраган акча. Курсташтары ага суктана карашып: "Арууке аябай бактылуу экен" дешип кеп кылыша турган. Өтө эрке келин болду. Барчынай дагы аны үйүнө келгенде:

- Арууке, биерге келгенде жумуш жасабай эле кой кызым, ансыз да кемпир-чалды карап, окууңа да жетишип атасың, - деп аны жумуш жасатпайт. Бир гана Кумарбек анын жалжылдаган көзүн, апаппак жүзүн, бой турпатын карегине илбеди, жүрөгү менен берилип сүйбөдү. Үйгө келсе да, сабакта да ага салкын мамиле кылат. Анысын Арууке жаштык кылдыбы же байкабадыбы, жакшы мамиле кылып күйөөсүн сыйлап сабагына тоскоолдук кылгысы келбеди. Антип-минткиче бир жыл өтүп кыздуу болушту. Кумарбек кызына түшө калып көңүлү ачылып кеч келгенин койду. Ошондогу бактылуу күндөрү Аруукенин эсинен кеткис болду окшойт. Андан кийин уул төрөдү. Кумарбек окуусун бүтүп аспирантурага өтүп докторлугун жактоого киришти. Күндөп-түндөп жазуу столунда отурган күйөөсүн аялы бар экенин унуткандай көңүл бурбаганы аны ызаланчу болду. Эки баласын Атабек менен Айымгүл колдон түшүрбөй эркелетип багып атышты.

- Силер өз ишиңерди кылгыла, балдарды биз эле карайбыз, али алы күчүбүз бар, - дешип балдарды карматпай койушкан. Арууке төртүнчү курска келгенде башкача боло баштады. Өзү да бойу келишип, көргөн жанды суктанткан сулуу келинге айланган. Ал Кумарбектин өзүнө көңүл бурбаганын кийин-кийин сезип: "Көрсө баягы биринчи сураганы ошол тура, бул мени сүйбөйт экен, демек өзүнүн сүйгөнү болсо керек, балким алигиче жолугушуп жүргөндүр, мага анын сүйүүсү болбосо, аял катары эркелетип суктанбаса мен ага жагынып өмүр бойу жашап жүрө бермек белем", деп ойлогондо көздөрү ызанын жашына толуп кетчү. Өзү окуган университетте отуз бештердеги декан ага көзүн кылгырта тийишип кала турган. Азыр ошону ойлоп кетти: "Шилекейи чууруганча караганына караганда анын менде көңүлү бар, болсо эмне экен, кадыр-барктуу адам, мен эмне жигит сүйбөй турган жан белем? Шашпа, аны туткунга илип алып мен дагы жаштыгымды ойноп күлүп өткөрүүгө аракет кылайын, анын сүйбөгөнүн, кызганбаганын көрөйүн" деген ойдо эртең менен жасана кийинип алып, бойонуп-түзөнүп сабакка келди. Ошол күнү биринчи сабакты бүткөндөн кийин атайы декандын кабинетин ачты:

- Саламатсызбы, агай?

- Оо кел Арууке, ай тим эле учуп кетчү аккуудай болуп алыпсың го, кел отур, - Адегенде эле тийише сүйлөгөнү Аруукеге жага түштү.

- Келдим агай, мен сизге бир жумуш менен эле келе калдым эле…

- Келгениң жакшы, деги сендей аккууну тууруна кондуруп алган күйөөң абдан бактылуу экен да?! - Ордунан туруп ары-бери басты, - Кана айта бер!

- Мен балдар менен кыйналып кеттим, сырттан окуу бөлүмүнө которулсамбы дедим эле… - Калп эле ушул сөздү айта салды. - Кайненемдер эми аз калды окуй бер дейт, өзүм…

- Кой Арууке, сен сырттан окуу бөлүмүнө которулуп кетсең алдагы ай жамал дидарыңды көрбөй калып куса болобуз го?

- Агай, ашыра эле сулуулугумду айтып ийдиңиз да, күйөөм бир жолу да суктанып койбогон эле, чынында сулуу деле эмесмин го? - деп ал Закирди кылыктана карап койду.

- Койсоңчу, ушундай чүрөк койнунда жатса суктанбаган эркек жаны жок бир мерез неме го ыя?

- Билбейм, баса сырттан окуу бөлүмүнө которулсам болобу?

- Жо-ок, эми эки жыл эптеп окуп ал, которулганда эмне, балдарың менен алышып алдагы сулуулугуңду жоготосуң, эки жылда кемпир болуп каласың!

- Макул агай, сизге кеңешип көрөйүн дегем, мен барайын… - кетмек болуп ордунан турду эле Закир аны токтотту:

- Арууке, мен сени менен бир сүйлөшсөм деп жүргөн элем, бир азга отура турчу, - Эшикти ичинен илип келип маңдайына отурду, Аруукеге ошол гана керек болчу:

- Бирөө жарым көрсө ушак чыгарып ийбесин, эшикти илбей эле сүйлөчүү сөзүңүздү сүйлөй берсеңиз болмок?!

- Арууке, көптөн бери сага көзүм түшүп жүрөт, бүгүн жолукпайлыбы?

- Койуңузчу агай, ушул айтканыңыз уят эмеспи, күйөөм билип койсо эмне болот? - Кылыктана ордунан туруп эшик жакка басты, Закир ага жакын келип эки ийинден кармап жүзүнө сугалактана тигилди:

- Эч кимге билгизбейбиз, бирөө билип калса менин деле кызматтан кетип калуум мүмкүн, өзүң билесиң да, абройума шек келтирбегендей иш кылабыз… - Эми дароо эле өөп алды.

- Агай… - Арууке аны түртүп каршылык көрсөткүсү келген менен ойунда: "Өлүп кетпейби, мага ушул гана керек, жаштык кылып, аял-эркектин ортосундагы мамилени түшүнбөй күйөө деген ушундай болот экен деп жүргөн экенмин, эми аны кызгантыш керек, болбосо ажырашканга чейин барам" деп ойлоно түшкөндө Закир анын мойун-башынан калтырбай өпкүлөп жиберди. Чынында берилип кучактап, берилип өөп сүйбөгөнгө өзү да эркектин да мамилеси анын башын айлантып өзүн карманалбай баратканда: - Агай бирөө келип калбасын, - деп ары оолактап кучагынан бошонуп чачтарын оңдоп басты эле Закир ага:

- Арууке, мен сени окуудан чыккандан кийин күтөм, менин машинамды билесиң да, тигил институттун артынан эле… - Арууке үндөбөй чыгып кетти. Анын турмушунда ошол күндөн баштап бурулуш болгонсуду, өзүнүн аял экенин, болгондо да сейрек жолукчу сулуулардан экенине көзү жетип, дал ошол күнү башкача эргип келди. Эзели ырдабаган келин кайната, кайненесинин отурганын да байкабай кыңылдап жумушун жасап жатып: "булар эмнени билмек эле, баласы окумуштуу болуп кагаздарын кучактай берсин" деген ойдо болду. Кумар күндөгүсүндөй эле иш столунда кагазы менен алек:

- Кумар, качанкыга эле биерде жүрө беребиз, өзүбүздүн үйгө барып жашабайлыбы? - Арууке атайы жанына келип сөз баштады. - Келин болуп келгени кызмат кылып бүтпөдүмбү, эми өзүбүзчө жашасак бейм?

- Ал эмне дегениң, таятамдардын бизден башка таянаары болбосо, карыган кишилерди таштап кантип кетебиз?

- Эмне, өмүрүбүз өткөнчө ушул жерде жашай беребизби, же жаштардай болуп бир ойноп күлбөдүк, сага болсо аялдын кереги жок, күнү-түнү кагазыңды тиктегениң тиктеген, - тултуңдай кетти.

- Түшүнчү Арууке, таятамдарды таштап кетсек уят эмеспи. Белек чоңойуп калды, аны үйлөнтсөк анан өзүбүзчө жашайбыз, - Кумарбек жанында өзүн карап көңүл буруп: "жакшы көрүп кучактап эркелетээр бекен, жок дегенде бир жолу сулуулугума суктанып бир сөз айтаар бекен" деп үмүттөнгөн аялына көңүл бурбай кайра эле кагазга тигилди.

- Кумар, сен мага жаңы үйлөнгөнүбүздө: "мени сүйөсүнбү?" деп суроо бербедиң беле, эми мен сага суроо берсем кантет?

- Эмне деген суроо? - Кумарбек Аруукени карап калды.

- Сен мени сүйөсүңбү?

- О-ой кокуй десе, ошону да унутпай жүрөсүңбү? - Кумарбек кайдыгер гана кайра кагазына үңүлгөндө Арууке анын алдындагы кагаздарын чогултуп артына катып:

- Эми мен сага суроо берип жатам, сен мени сүйөсүңбү же?

- Сүйбөсөм үйлөнүп ушу убакка чейин жашамак белем, баланын сөзүн сүйлөбөй жумушуңду жаса, таятамдар кечки тамагын ичишсин.

- Жок, мен ушу бүгүн сенден жооп укмайынча жаным жай албайт! - ал ызалуу, мууна сүйлөдү.

- Эмне болуп турасың деги, мына балалуу да болдук, жашап жатабыз, элде жок нерсе сенде бар, оозуңдун ичи бүт алтын, тагынгандарың да алтын күмүш, бриллиант - мындан башка эмне керек сага?

- Ошол жансыз буйумдар менен канааттанып жашай бер дегени турасың го ээ? Мен дагы тирүү жанмын! Болгондо да жаштыгым гүлдөп турган, аялуу, кумарлуу да жанмын! Мен эмне дөңгөчмүнбү, кааласаң койнума жатып эркектик милдетиңди аткарып койуп жатып каласың!

- Кызык, сага эмне болгон эй, мен эмне жатпай койдумбу сени менен? - таң калгандай сурап койду Кумарбек.

- Мен деген күйөөнүн койнунда ырахат алып, кумарланып, эркелеп жатсам болбойбу? Бир да жолу эркектей болуп сулуулугума суктанып койбодуң, сага кор болдум, башкалар мени кандай суктана карашат, а сен көңүл буруп да койбойсуң?

- Анда ошол суктангандарга бара бер, мен аял аттууга суктанганды жаман көрөм, ичимден билгизбей сүйөм, түшүнбөсөң ошол! - Кумарбек колун шилтей, столду таяна жиндегендей отуруп алды.

- Эмне, сенден кетип ошолорго барайынбы же биротоло кет дегени турасыңбы?

- Өз билгениңди кыл, сүйө турганыма ишенбесең каалагандай жаша!

- Тилиң тиштериңе күбө, азыр да кетип калам, сага жалдырагандай акмак эмесмин!

- Барсаң бар! - кайдыгер колун шилтегенде Арууке жиндене кыйкырды:

- Бара бергидей сага мен киммин ыя, көчөдө жүргөн, бир түнөп кетчү аялмынбы?! Кеткенди сага көрсөтөм! - деп ары ыйлаган бойдон бурула бергенде Айымгүл кирип келаткан эле:

- Силерге эмне болуп кетти, айланайындар? - келин-уулун үрпөйө карады.

- Уулуңуздан сураңыз! - Арууке булкуна чыгып кетти.

- Кумаш садага кетейин, эмне болду, мындайыңар жок эле го? - Мурда мындайларын көрүп, укпаган Айымгүл өзүнчө кыжаалат боло Кумарбектин башынан сылай эркелете, - Минтип урушпай жүргүлө балам, аял деген анда-мында сүйлөп койот, сен ага да көңүл буруп угуп кой да, - деп Аруукенин артынан сыртка чыгып баратканда Атабек:

- Балдардын ишине кийлигишпей жүр, өздөрүнчө сөздөрү, чечише турган маселеси бардыр да! - деп Айымгүлдү башка бөлмөгө ээрчитип кетти.

Арууке тултуйган бойдон: "Кемпир-чалы тамак ичпесе талга асылып калсын" деп жатып алып ыйлап: "Баса, балдарымчы" деп ордунан турганда анан жанына уулу Керимбек келип:

- Мама, мама чай ичем, - деп асыла кетти. Уулун кучактап алып бир азга улутунуп отуруп ордунан туруп тамак жасоого өттү. Чогулуп тамактанып жатканда дагы кабагын ачпай улуу кызы Кундузду улам кагып, уулун да бир нерсени сүйлөп эле урушуп атты. Айымгүл ага бирдеме дейин дегенде аны Атабек акырын тыйып койуп отурду: "Тим кой, өздөрү табышып алышат, жаштардын жашоосуна киришип болобу?" дегендей жаңсоону түшүнүп унчукпай тамактанып болгондон кийин эки баланы алып өз бөлмөлөрүнө кетишти. Белек кеч келди да өзү тамак куйуп ичип бүтүп таята, таенесинин эшигин ачты:

- Кандайсыңар ата, апа, мен келдим, ато келбей калды деп кабатыр болбогула!

- Садагам ай, мынча неге кеч калдың? - Айымгүл андан кабатыр болгонун билдире сураганда ал кенебей гана жооп берди:

- Мен эми жаш бала эмесин да апа, тынчсызданбай эле койгула!

- Отурчу мындай, - Атабек аны жанынан орун көрсөтө чакырды:

- Эмне болду ата, мен абдан чарчадым, эртең сүйлөшөлүчү ээ - деп чест бере беш колун чыкыйына тийгизе жылмайып койуп бөлмөсүнө чыгып кетти.

- Айым, ушул уулуңдун жүрүшү өтө кооптуу, кээде ичкилик жыттанып келчү болду, азыр дагы бар окшойт ичинде.

- Кайдан билем, жетимдин күнүн көрбөсүн деп колунан акча түшүрбөй, кийем дегенин алып берип жүрүп баланы жаман көндүрүп койдук окшойт… - Айымгүл тынчсыздангандай уктап калган чөбүрөлөрүн кымтылай сүйлөдү.

- Кеч боло электе муну үйлөнтүш керек, Барчынай болсо өз балдары менен алышып Белекти бизге ишенип тим койду, силердин кылганыңар деп бизге өктөө кылып жүрбөсүн?

- Ким билет, ушу баланы башка бирөөнүн колуна кетип калбасын деген ой менен мен аларды кошуп койдум эле, жаман эмес, тилимден чыгышпады, апа, ата деп жаны калбай сыйлап турушат, баланы өз ойуна койгонум - жетимдикти көрбөсүн, атасынын арбагы нааразы болбосун дегеним да ал!

- Аның го туура кемпир, бирок бул баланын жүрүшү башкача болуп атпайбы?

- Аны тигилер менен кеңешели, ушундайда ачык айталы.

- Ошентиш керек, болбосо кеч болуп калат, - Кемпир-чал кеңешип эртеси эле Тобокел менен Барчынайга айтмак болуп жатып калышты.

Белек окуусуна барбай эле сүйлөшүп акча берип койуп өзү карта ойноп ээн баш балдар менен жүрүп үйгө бирде кызуу келсе бирде соо келип көрүнүп койуп акча алып кете турган. Анын тегерегиндеги балдардын көбү бош, колунда акчасы жогунан Белектин арты менен жашап, жаса дегенин жасаган бекерпоздор болчу. Бир ээн үйдө батир акысын төлөп койуп кээде кыздар менен көңүл ачып жүрө беришчү. Бир күнү ага чоочун киши жолугуп:

- Брат, эгер мени менен иштесең жаман болбойсуң, өзүң дагы алибеттүү жигит экенсиң, сен мага жагып калдың, биздин шеф сени менен жолуккусу келет, - деди.

- Шебиң ким, ал мени кайдан билет? - Белек ага мыскылдагандай жылмая карады.

- Оо анын жүрбөгөн жери жок, сени өзү жактырды, жакшылап иштетсең, өзүнүн жардамчысы болуп каласың.

- Жолуктур! - Белек бир ооз гана жооп айтты, ал эмне болгон жумуш экенине кызыгып да койбоду. Белекти машинага салып алып шаардын четиндеги чоң үйдүн короосунун эшигине келгенде машина кирчү эшикти эки киши ачты эле алар короого кирди. Белекти ээрчиткен адам заңгырата салынган үйдүн төр жагына кирди, кошо кирген ал столдо отурган сакал муруту бар, көздөрү адамды теше тиктеген адам аларды отургула дегендей орун көрсөтө ээк кагып койуп көпкө тигилип, анан:

- Демек макул экенсиң да? - деп койду Белекти көзү менен атып.

- Кандай иш экенин билүүгө кызыкпадым, өзүңүз айтаарсыз? - Белек да андан жалтанбай тике карады.

- Эмесе мындай, качан "товар" болсо ошону дареги бойунча жеткирип турасың, эгер колго түшүп калсаң өз күнөөңдү өзүң гана тартышың керек, кимден алдың, кимге алып барышың керек, аны ичиңе бек сактап оозуңдан жел чыкпашы керек!

- Ал эмне деген "товар" экенин билсем болобу?

- Анын сага кажети деле жок, эң башкысы сен бизге иштесең болду, сенде баары болот, үй, машина, аял.

- Мен андай байлыкка зарыл эмесмин, бирок иштесе болот! - Белек аны жалтанбай карап, - ток этээр жерин айтыңыз?! - деди.

- Эртеңден баштап келе берсең болот! - деген Карабай аны тигиле карап: "Эч нерсеге муктаж болбосо, эмнеге иштемек эле, жүрөгүндө жалы бар өрт экен, башкалар адеп менин маңдайыма келгенде сүйлөгөндөн чоочуп турчу эле", деп ойлуу ордунан козголо колун чаап койгондо сырттан кол куушура бир жигит кирип келди.

- Бул жигитке аванс бергиле!

- Жарайт, - деген жигит кайра артын бурулуп чыгып кетип кайра колуна дипломат көтөрүп келди да Белектин алдына койду.

- Мага аванстын кереги жок, акча зарыл эмес, андан көрө кете берсем болобу? - деп өйдө болду. Карыбай үн деген жок, башын ийкеп: "Жеткирип кой" дегендей алып келген жигитине жаңсап койду: "Бул кандай эч нерсеге муктаж эмес, акчаны көргөндө кандай пенде болсо да кыя өтпөй алып кетчү эле, мунун кандай адамдын баласы экенин билишим керек экен" деп ойлуу көпкө отурду.

Белекти жеткирип келген жигити Шамбет келгенде, ага:

- Бул бала эмне керсейет, кандай адамдын баласы, кандай жашайт, ошону тез арада билгин! - деди.

- Жакшы болот! - тигил куушурула акырын чыгып кетти. Ошондон он күн өтүп эле Шамбет Карабайдын алдында отурду.

- Шеф, баарын билдим, Белектин атасын кичинекейинде эле катылган байлыгы бар экенин уккандар өлтүрүп кетиптир… - андан кийин экөө көпкө чейин сүйлөшүп отурушту. Шамбет Белектин жашоосунун иги-жигине чейин териштирип, ал турсун Күрүчбекти изилдеп таап сүйлөшкөндөрүн айтып бергенде, Карабай:

- Демек, ал бала биздин жумушту кызыкканы үчүн гана макул болуп койгон тура, сени шашпа күчүк, калган алтындарыңды түгөлү менен өзүң алып келип бересиң! - деп алды кекенгендей.

- Шеф, аны адегенде биз менен иштетип, дагы сынап эки үч эсе акчаны алдына койуп көрөлү!

- Туура айтасың, дароо эле алтынды алып кел деп коркутканда болбойт, - ойлуу аркы-терки баса баштады.

Карабай кырк беш жаштардагы түрмөгө үч жолу уруулук менен отуруп чыккан неме болчу. Түрмөгө эки жолу түшкөндө аны токмоктоп баш ийдирип алаарда ал өзүнө катылгандарды сабап, бирин өлтүрүп салганда пахан аны өзүнө чакырып алып түрмөдөгүлөрдүн башчылыгына дайындап чыккандан кийин сматряшийлердин жардамына дайындап койгон. Сырттагы болгондун баарын жеткирип турат, Карабай ишенимге кирип, азыр жалаң апийим менен алектенип, карамагында ондон ашык жигиттер бар. Үйбүлө күткөн жок, анда азыр дүнүйө-мүлк деген толо, бирок аял алууну ойлободу, шапар тээп аялдар менен көңүл ачууну каалачу эмес, кээде гана сулуу кыздарды колго түшүрүп дайынын билгизбей көзүн таңып алып келип кайра алып барып таштап койуп далай кыздар анын курмандыгы болуп, кээси намыстанып өлүп тынса, кээси ошол бойдон бузулуп кетип, кай бири өз бактыларын таап кете турган. Ал катылганын, жасайм дегенин жасачу. Колунан келбеске аракет кылбайт. "Белектин атасы, бир туугандары алтындын айынан өлсө демек аларда казына бар, аны сөзсүз алыш керек", деген ойдон алыстай албады. Күрүчбекти алдырып келди ал.

- Сөзүңдү буйтабай ток этээр жерин айт, казына барбы? - деди аны тикирейе карап.

- Болгон убагында… - Күрүчбек бул түрү суук адамдан коркконунан айтуудан тартынып: "Айтып койсом аларга тынчтык бербейт го, андан көрө өлтүрсө мейли, бир жолку кыянатчылыгым жетет" деп ага калп айтууну туура көрдү, - бир кезде, аны биз үчөөбүз алып кеткенбиз, бирибизди бирибиз өлтүрмөкчү болуп жатканда аны башка бирөө тартып алып мен зорго качып кутулгам, калган экөө ошол жерде өлгөн.

- Жалган айтпа! - Карабай бакырып жиберди.

- Чындыкка ишенбесеңер өзүңөр билгиле! - Күрүчбек дагы көгөрдү.

- Анда өзүңдүн алтыныңды алып келесиң!

- Менде кайдагы алтын, аялым дүкөндө иштейт, эптеп жашайбыз.

- Баланы алдагандай дөөрүбөй үч күн ойлонууга мөөнөт берем, болбосо жаныңдан үмүт кылба?!

- Баары бир эч нерсе айталбайм, эмнени айтмак элем?

- Буту-колун бууп подвалга таштап койгула, келемиштерге жем болсун!

Карабай отургучка отуруп алып канжасын соруп кирди. Күрүчбекти жигиттери жертөлөнү көздөй алып кетти. Жертөлөгө буту-колун бууп таштап койуп, аны сырттан карап турушту. Жертөлөдө чагылып жаткан адамдын баш, дене сөөктөрүн көргөн Күрүчбек жүрөгү оозуна тыгылып: "Эмне кылсам, Тобокелде алтын бар экенин айтып койсомбу, аны укса сенде да бар деп баары бир кыйнайт, андан көрө өз үйбүлөмдү да, аларды да кыйнабай өзүм өлүмгө баш ийсемби?" деп ойлонуп алдынан өткөн сыздан эптеп ары-бери оодарыла тыпырап жатканда "чыйп-чийп" эткен үндөр чыгып бурчтардан улам келемиш чыгып бири-бирин ысык эт келди деп чакыргандай белги берип чыйпылдап атып заматта көбөйүп, Күрүчбекти көздөй бирден жылып келатты. Эң чо-оң келемиштин көздөрү анын дал көзүнө карап үрөйүн учурду: "Мына ажал келатат, заматта жеп сөөктөрү гана калат, оо кудай, ушинтип дайынсыз өлүп кетемби?" Күрүчбектин заманасы куурулуп, келе жаткан келемиштерге айбат кылып: "Чиш-чиш, кет" деп жанталаша баштады. Анысын тоготуп койбогон келемиштер анын бутуна келип жабылып улам өйдөлөп кийимин тиштегилеп жыртып, жылаңач этин тиштегилеп, бети-башына жабылганда бакырып жиберди:

- -Айланайындар, баарын айтам, мени сактап калгыла! - Сыртта аңдып тургандар дароо кирип келип сойулдар менен келемиштерди урганда алар тарап-тарап ийиндерине кире качышты.

- Ийи, эсиңе келдиңби? - Какшыктай күлгөн бири анын буту-колун чечип дегдеңдете жетелеп Карабайдын алдына алып кирди.

- Кана сүйлө!

- Тобокелде бар, бирок канча экенин билбейм, канча жылдан бери пайдаланып бүттү го дейм. Дегинкиси бар…

- Жетишет, кете берсең болот, эгер жок болсо калп айтып кутулам деп ойлобо, жерге кирип кетсең да таап алам! - дегенде Күрүчбекти дароо көзүн таңып туруп машинага отургузду да жеткирип койду.

Белек ошол күнү өзү келди. Анын келгенин көргөн Карабай ичинен кым деп алды: "Бул баланы өзү алып келгидей кылыш керек" деп ойлоп аны жылмая карап:

- Оо, кел баатыр, - деп койду.

- Келдим шеф, менин жумушумду айтыңыз?

- Сен кечигип калдың, сага башка жумуш таптым, сен мага жүз кил алтын алып келсең баары жайында болот! - сынай карады Карабай.

- Оо шеф, мен анчалык алтынды кайдан табам, ансыз да атамды кайдагы бир алтын үчүн өлтүрүшүптүр, мен алтын дегенди көргөн да эмесмин.

- Табасың, эгер баш тартсаң бул жерден тирүү чыкпайсың!

- Жок табалбайм, илгерки ушакты угуп алгансыз го? - Белек таң кала карады. Ал чынында ата-энелери кайдагы акчалар менен жашап жүргөнүн, Күрүчбек кайтарып берген алтынын билчү эмес, - Жок нерсени айтасыз да?

- Бар, мен сенин апаңа, өгөй атаңа катылбай эле койойун, өзүң бүтүрөсүң.

- Шеф… - Белек сөзүн баштайын дегенде аны сүйлөтпөй Карабай заардуу карады:

- Мен сенин шефиң эмесмин, эгер ушул ишти аткарсаң мен сени жаныма алып алам, коргоочум болосуң, болбосо тирүү калам деп ойлобо!

- Үйдө алтын барынан шегим бар, ал жөн эле сөз болсо керек, - Белек ойлуу отуруп калды.

- Сөз бүттү, менин башка жолугушуум бар, барып он күндө таап келесиң! - Карабай ордунан туруп кете бер дегендей башка ишине өттү.

Белек нес болгондой отуруп калганда аны Шамбет көзүн таңып адатынча машинага отургузду да, өз ордуна алып барып койуп кайра бурулганда Белек шаша такси кармады да, тигинин артынан жөнөдү: "Качан келсе да көргөзбөгөн ордосун өз көзүм менен көрүп алып силерди жайлап кутулам, болбосо баары бир бир шойкон болот, силерге алтын кандай экенин көрсөтөйүн, он күндүн ичинде өз алапайыңарды таппай кала турган кылам" деп ойлонуп машинадан көзүн албай баратып бир жерге келгенде таксини токтотту:

- Токто! - Ушул учурда Шамбеттин машинасы айылдын четиндеги ээн турган чоң дарбазалуу үйгө токтоп кирип кетти. Аны карап турган Белек, - Кеттик! - деди таксистке. Үйүнө келди да Айымгүлгө карап:

- Апа, атамды чын эле казына бар экенин билгендер өлтүргөнбү? - деди.

- Эмне дейт, ким айтты казына деп, бир болбогон куржун көзү алтын болчу, балам… - Эне кооптоно небересин карады.

- Мен апама барып келейинчи. - Белек кайра эле чыгып кетти. Белек келгенде Барчынай ачуулана кетти:

- Атасы жок бала курусун, кемпир-чалдын сөзүн укпай эмне ээн баштык кылып жүрөсүң?

- Апа, мен силер менен бир иш бойунча сүйлөшкөнү келдим.

- Эмне иш экен?

- Атам кайда? - Белек Тобокелди ата дечү.

- Атаң жумушунан келип калаар, отур тамактан. Эмне, акча керек болуп калдыбы?

- Жок, - Белек апасына эч нерсе айткысы келбеди; "Аял кишиге сыр айтканда чырылдап мазаны кетирет, андан көрө атам менен кеңешип көрөйүн" деп ойлоду. Аңгыча Тобокел келип калды. Белек аны менен учурашып тамактанып бүткөндөн кийин:

- Ата, мен сиз менен сүйлөшсөм дедим эле, - дегенде Тобокел токтоо гана аны далыга таптап эркелете койду:

- Уулум, чоңойгону көп келбей да кеттиң, атаңдар жакшы эле жүрүшөбү? - Белекти колтуктай сыртка көздөй басты. - Кана эмне сөзүң бар, эч тартынба.

- Ата, өтө маанилүү, бул жерден апам угуп калса… - Белек аны үйдүн арт жагына ээрчитти.

- Ой бала, ушу сен үйлөнгөнү калгансың го? - Тобокел аны жылмая карап кошо басты.

- Ата, андай болсо башкача болмок, өтө маанилүү да, коркунучтуу, - мени кимдир бирөөлөр көзүмдү таңып алып кетишип кайра алып келип койду… - Тобокелдин эмелеги жылмайып турган жүзү сумсая түштү. - Алар мени алтын казынаны таап келесиң, болбосо тыптыйпыл кылам дейт, кайра алып келип койушту.

- Алтын дейсиңби? - Тобокел ойлуу Белектин жүзүнө үңүлдү.

- Ооба, мага он күн мөөнөт беришти.

- Эмне кылыш керек дейсиң? - Айласы кеткен Белекти карады.

- Сиз эч нерседен чочулабаңыз, он күндүн ичинде өзүм аларды жайлап тынам, алтын жок дегениме ишенишпейт, сиз мага эки милиция кошуп берсеңиз, башка эч ким билбесин, калганын өзүм билем.

- Жок балам, сен жалгыз эчтеме кылалбайсың, андан көрө көптөшүбүз керек, мертинип калып жүрбө?!

- Көп болгондо болбойт, мен өзүм гана бүтүрүшүм керек. - Экөө көпкө чейин талашып-тартышып, анан Тобокел ага макул болду. Атайы өзүнүн таанышына барып:

- Кенжетай, бизди кырсык тооруганы турат, эч ким билбеши керек экен, болгону ишеничтүү, алдуу-күчтүү үч милиционер кошуп берсең болду. Өтө опурталдуу иш, опуттуу болуш керек, калганын Белек бүтүрөт, атадан жалгыз ошол калды, ошону үйбүлөмдү сактап кал, сенин эмгегиңди унутпайм.

- Ал биздин милдет, кам санаба, биз дал ушуларды таппай жүрдүк эле, өзүңөр дагы этият болгула, үйүңөрдүн сыртынан милиция кайтарыш керек, алар тынчыгыча.

- Ооба-ооба, ошентпесе болбойт, балдарды эч жакка чыгарбай туралы.

- Дал ошондой кылыш керек, өзүң түшүнөсүң да?

- Көңүл калган да, ойдо жок иштер болуп кетээрин кайдан билдик анда.

- Эми андай болбойт, биздин тапшырмабыз Карабайды дагы колго түшүрүү бойунча болчу, оңдой берди болуп кылтакка илип алсак…

- Сак боло көргүлө, Белек балалык кылып мертинип албасын, аны коргой көр!

- Кам санаба, - ошону менен сөздү бүтүрүп иштин болоор жагын кеңешип анан кетти Тобокел. Бирок жүрөгү дүпөйүлдөп жыйырма жыл мурунку окуя көз алдына тартылып Сейтек менен Саринжинин канга бойолуп жатканын, Барчынайдын анын үстүнө түшө калып чырылдаганын, эч ким жок жалгыз экөө өздөрүн жоготуп көпкө туруп анан элди жардамга чакырып койуп үйүнө келсе Седепти кучактап кичинекей Кумарбектин ыйлап жатканы жандүйнөсүнө бүлүк салып тынчы кетип: "Бу балекет алтын деген азапты кайдан да таап алдык экен, ушундан көрө дайынсыз талаага таштап ийсе болмок экен, эми эмне болоор экен, балдарга зыяны тийбесе болду" деп өзүн койорго жер таппай атты. Анын мындай абалын мурда көрбөсүн Барчынай байкап:

- Сага эмне болду деги, эмнегедир эле өзүңчө бир нерседен кооптонгондой болуп кыжаалатсың да? - деди жыйырма жылдай бирге жашап сырын билген аялы.

- Жөн эле, дагы бир ачылыш ачсам деп ойлонуп жүрөм, - Тобокел эч нерсе болбогондой жооп берди, - Андан көрө Асел менен Каттообекти үйдөн чыгарбачы, жаш балдарды уурдап кетип атыптыр… - Жөн салды эле айткандай болгон менен кабатырланып атты.

- Ой алар чоңойуп эле калбадыбы, Асел коңшунун кызы менен ойноп жүрөт, Каттообегиң болсо үйгө түнөгөнү келбесе күндүзү жолобойт.

- Барчынай, сен мени түшүнчү, ошолорду бүгүндөн баштап үйдөн чыгарбачы?!

- Тынччылыкпы деги, балдарды анча кайтарып калгансың, алар эми чоңойду, үйдөн чыкпа десең көңүл бурбайт, кудай сактасын.

- Бүгүндөн ары дарбазадан ары кадам таштап чыгышына тыйуу салам! - Анын бийик чыккан үнүнөн Барчынай сестенип алды:

- Тобокел, ачыгыңды айтчы, эмнеге антип жатасың, кудай ай, дагы бир балээси чыккан го, баягы алтындын азабы эмеспи, тиги өлүгүңдү көрөйүн Күрүчбек былжыраса керек да? - Барчынай чыйпылыктап корккондой үрпөйө сурады.

- Ой деги, экөөнү үйдөн чыкпай тартиптүү болсо дейм да, кыргыз кызы деген үйдөн чыкпайт, балаң болсо түнөөгө келет, сен энесиң, экөөнү тең бизди уятка калтырбагыдай кылып тарбиялабайсыңбы? Белек болсо кемпир-чалды бир да тоотуп койбойт, алар көзүн караган сайын обу жок болуп баратат! - деген Тобокел: "ырас эле Күрүчбек акмактык кылганы болуп жүрбөсүн, калган алтынды кайрып берип далбастаганынын артында күйүтү күчөп дагы жамандык издеген го?" деп ойлоп жиберди. Анан сыртты көздөй жүткүнүп азыр эле ага барып жолуккусу келди. Машинасын от алдырып жарым саатта анын үйүнө жетип келди. Келсе үйү бек. Коңшусунан сурады эле ал:

- Беш-алты күн мурун кайдадыр көчүп кетти, кайда көчкөнүн эч кимибизге айтпады, - деди.

- Оо жер жуткан акмак, кылаар ишти кылып койуп анан коркконунан качкан экен да? - деп сыртына чыгара айтканын өзү да байкабай машинага отуруп кайра эле Кенжетайдын үйүнө келди. Келсе ал жаңы эле отурган экен.

- Кел, кел Токе, тынччылыкпы?

- Кайдан дейсиң, баягы Күрүчбек кылган окшойт, бүгүн үйүнө барсам көчүп кетиптир, кайда кеткенин эч ким билбейт экен.

- Өзүңдөн көр, ошондо адамды өлтүргөн немени түрмөгө тыгыш керек болчу, баары бир ал бул жерден эч жакка кетпеш керек, кетсе кайра камалат, анда ага розыск жарыялаш керек.

- Ошондо табылабы, табыла турган болсо өз колум менен өлтүрөм, - Тобокел жиндене тишин кычыратты.

- Ачууга алдырбай сабыр кыл, тактайбыз.

- Ага чейин ичкеним ирим болуп атпайбы?

- Чыда, чыдамкайлык, сабырдуулук керек азыр сага. Мен баарын пландаштырып койдум.

- Макул, эптеп зыяны тийбей турган кыл, балдар эми чоңойуп келе жатты эле… - Тобокел айласы кеткендей ичтеги жүрөксүсүн чыгара "ах" деп алды.

Белек үч күн бойу өзүнүн жолдош балдары менен Карабайдын үйүн иликтеп көрүп алардын кайсыл убакта чогууларын, канча киши кароолдо туруп, кайсы маалда Карабай уктаарын тактап билди. Анын төртүнчү күнү октолуу пистолет менен өзү алдыга кирип билген жолдору менен кароолчуларын бычак менен өлтүрүп эки кабат эшикти талкалап кирип Карабай менен мушташа баштады. Эшикте эки милиционер менен өзүнүн төрт досу эки жакты акмалап туруп үчөө анын артынан кирди. Алар кирген кезде шайы кете баштаган Белек шердене түшүп аларды карай бергенде Карабай баятан бери көзү өтүп белгилүү жерди катылган пистолетин алууга үлгүрүп эки милиционерден озунуп:

- Бөлтүрүк десе, сенин мындай кылаарыңды билгенде өткөндө эле жайлап салмакмын, эчтеке эмес ажалың жеткен экен! - деп атып жибергенде ары жакта турган досу аны колго атты эле колундагы чып этме ыргып кетти. Белек жүрөк тушуна тийген октон көзү караңгылай жыгылып түштү. Эки милиционер Карабайды калдастай түшкөнүнөн пайдаланып эки жагынан пистолет такап былк эттирбей кармап колуна кишен салып сыртты көздөй алып жөнөдү. Белекти беркилер көтөрүп машинага салганда анын шайы оой баштады. Эми жөнөй бергенде артынан аткылаганда Карабай жанында отурган милиционерди буту менен тээп үлгүртпөй кабинаны ачып чыгып кетээрде аны бутка атып жиберип, рулда отурган шофер тигинин буту-колун байлап кайрадан салонго таштады да, шериги экөө аткылашып калды. Көрсө тигилердин бири сайган бычактан өлбөй жарадар болгону туруп келип бир бөлмөдө уктап жаткан үчөөнү ойготконго үлгүргөн экен. Аларды да колго түшүрүп алып кетишти. Белекти ооруканага алып барып операционный палатага киргизгенде үзүлүп кете берди. Ошентип алтындын азабынан бир үйбүлөнүн акыркы тукум улоочусу да бул жарык дүйнө менен коштошуп жаштайында жайрады. Эсил кайран жаштык, күчкө толуп, эч нерсени элес албай тирүүлүктүн жашыл өрөөнүндө ойноп күлөөр кезинде чоң ата, чоң энесин, тогуз ай көтөрүп омурткасы сыздаган энесин сыздатып тынч дүйнөнү көздөй, жашоодон баарын алып бүткөн өңдүү мемиреп гана бир капшытта жатты. Айымгүл менен Барчынайдын, Атабектин өзөгүн өрттөгөн күйүт азасы түн терметкен тынчтыкта үшкүрүк коштоп турду. Эртең сөөктү узатаар күн. Айымгүл бетин жууган жашын аарчууга алы келбей чачынан сылай, жүзүнөн өөп:

- Каралдым ай, ошол түбүң түшкөн кара жолтой алтынды алып берип эле койсоң эмне, атаң экөөбүзгө неге айтпадың экен… - деп боздоп отурду, - бүт көтөртпөйт белем…

- Кандай кара баскан неме болду, ошону эчак эле жок кылбайт белеңер?! - Барчынай андан бетер өксүп отурду.

- Бул пешене балам, демек алтынды уккандан кийин баары бир жок кылганыңа да ишенбейт, демек анын аты кулакка жагымдуу болуп байлык болуп берген менен жолу ошондой. Демек бул жерден тынч гана көчүп кетиш керек! - Атабек токтоо, күйүттү ичтен көтөрүп канчалык күйүп турса да өзүн салмактуу кармады. Булар сүйлөшүп отурганда четин адам жок эле. Өздөрүнчө сыр кылып отурушту.

- Ушундан көрө атаңыз башка жакка көмүп таштап көптөгөн кулактардай эле сөөгү менен кошо сырын ала кетсе болмок экен. - Барчынай ушул учурда тээ качанкы өлгөн адамга жини келе ачуусу менен күңкүлдөй кетти.

- Ок балам, атама тил тийгизе көрбө, анын арбагы тирүү, оңой киши эмес болчу, ал карыганда көргөн экөөбүздү кыйналбай жашасын деп ойлогон да, анан ал атың өчкөн алтыны оңор эмес болчу, эки куржун көзү толо, аттын үстүнө артканда аттын бели кайкалап зорго келген. Ошончону талаага калтыргысы келбеген да бусурманым.

Айымгүл Барчынайга түшүндүргүсү келди. Бирок күйүттөн ичи өрттөнүп турган келин анын кебин уктубу, укпадыбы көз жашынан күчүн чыгара үнсүз уулунун жүзүнөн сылап нес болгондой отуруп калды.

Сыртта Тобокел, Кумарбек, Максат болуп ыйлап жатышкан. Кирип чыгып жумуш жасап жүргөн Арууке таң калып атты: "Буларда дагы эле алтын бар тура, демек кайда экенин билип алсам өзүмө керектей тургандай кылып көргөзбөй алып алайын да Кумарбектен кетем, мени сүйбөсө сүйгөнүн таап алсын" деген ойдо ичинен ойго жетеленип алардын жанынан алыстабай билмексен болуп эки кулагын төшөй берди.

Эртеси сөөктү алып чыгаарда башталды кызыктын баары. Өзү менен окуган студенттер гүлчамбар көтөрүп келип калышты. Алардын ичинде узун бойлуу кыз үйгө кыздар менен киргенден кийин сөөктүн үстүнө жыгыла жаздап көз жашын көлдөтүп атты. Айымгүл менен Барчынай ага таң кала бири-бирин карап койушту эле бир кыз келип:

- Эне, уулуңуздун алам деп сүйлөшүп жүргөн кызы болчу, бүгүн айылдан келип угуп биз алып келдик, экөө жашап да жүрүшкөн, бүт студенттер билет, - деди тайсалдай.

- Белек ал жөнүндө бизге бир ооз да айткан эмес эле го, сүйлөшкөн кызың барбы десек да айтчу эмес эле…

- Аны билбейм, экөө абдан жакшы болчу, а тургай экөөнүн өздөрүнчө жашаган батири да бар. - деди тиги кыз ишеничтүү. Тигил кыз болсо өксөгөнүн токтотпой боздой берди. - Бир жума мурун эле атасы өлүп кеткен, бүгүн келди.

Ошондо Барчынай:

- Болуптур кызым, анан сүйлөшөлү, бой-сойуңда барбы? - деди кызга аста карап шыбырай. Кыз үндөбөй көз жашы көлдөгөн бойдон башын ийкеди, - Ийи жараткан ушунуңа шүгүр, канча айлык? - дегенде:

- Беш ай! - деди кыз көзүн ала кача.

- Болду кызым, уулум өлбөптүр, ушунусуна шүгүр, элге жарыя кылабыз, сен төрөгүчө биерде каласың, макулбу?

- Макул, - кыз дале ыйын токтото албай жооп берди. Барчынай сыртка чыгып Тобокелди чакырып алып үйгө кирди да болгонун болгондой айтканда ал:

- Анда молдолорго айтып артында туяк калганын жарыя кылалы. - деди.

- Ошент, ал бизге айталбай жүргөн тура, акыры айтмак, эми кызды уят кылбай алып калалы.

- Ооба, ошент, ал да бирөөнүн баласы да, - Тобокел кайра сыртка чыгып кетти. Алардын катарында өзү менен жүргөн достору да өкүрүп турган. Тобокел анын бирин четкерээк чакырып андан тактап сурады эле, ал дагы тастыктады:

- Чын, эптеп үйдөгүлөргө айтып ушул айда үйлөнөм деп жүргөн, кыздын аты Күлүмкан. - Ал Тобокелге болгонун айтты эле эми чындап ишенди. Өлүктү жууп жатканда эки энесинин катарындагы кыз өзүн өлүк үстүнө таштап ийе жаздап:

- Белек, мени кимге ишенип таштадың, мен сенден калбайм, мени ала жат!!! - деп жатып өзүн жоготуп койду. Аны курсташ кыздары ары алып барып бетине суу сээп эс алдырды эле кайра, - Ажырабайм сенден, өлсөк бир өлөбүз дебедик беле, мен сенден калып жашабайм! - деп өксүй берди. Кыздар аны бекем кучактап турбаса ал эми эле өлүктүн жанына жатып алчудай болуп атты. Аны көргөн эл өзүнөн өзү ыйлап "жаш өлгөн өзүнүн шору, бул бечара бир күнү унутат", дешип ар кимиси ар кайсыны айтып күбүр-шыбыр болуп жатканда бери жактан бир келин: "Ой муну никелеп алган эмес, өздөрү мындай эле жашап жүргөн тура" десе бири: "Шумдугуң кургур, анан ошону унчукпай киргизип алыштыбы?" деп таңыркап жатышты: "Анан эмне кылат, ичиндеги баласын алып калууга далалат кылгандыр да бечарадан" дешип шыпшынып турушту.

Түш оой Белектин сөөгүн алып чыгып жаназасын окулгандан кийин:

- Сейтек уулу Белектин кимде бересеси бар? - деди.

- Жок! - дешти тургандар бир ооздон.

- Аласасы болсо бергиле атасына, кимде аласасы бар?

- Жок! - дешкенден кийин:

- Сейтек уулу Белек кандай бала эле? - деди.

- Жакшы жигит эле…

- Эмесе Сейтек уулу Белектин артында беш айлык тукуму калды! - деп жарыя салды үч жолу, андан кийин көтөрүп жөнөштү. Өлгөндүн жазасы көмгөн дегендей ошону менен жаш чырпыктай кыйылган өмүрдүн жер үстүндөгү өмүрү жалп деп өчкөнү аз келгенсип жер алдындагы түнөргөн тынч дүйнөгө сапар алды. Артында узата боздогон эне-ата, жаш келин эси ооп ар жерде жыгылып аларды эс алдырмакка бетине суу сээп ар ким колуна кесеге суу көтөрүп жүгүрүп жүрүштү. Үч күн аза, ый аралашкан үшкүрүк ээлеген боз үйдөгү сумсайган жаштуу көздөр акыры үмүттүн жары чачкан шооласы жанып тирүүлүктүн шаанисине аргасыз баш ийгендей болду. Болгон үмүтү Күлүмкандын ичиндеги белгисиз түйүлдүктө болуп калды. Күлүмкан ата-энеси жок, таекесинин колунда калган кыз эле. Атасы жалгыз кызын окутуп, оорукчанына, жалгыздыгына карабай асырап жүргөн кызын жакында эле таштап кете берген. Ал согуштан өпкөсүнөн суук тийип, бутунан жаракат алып келген. Апасы кийин ооруп өлүп калган. Күлүмканды атасы жалгыз өзү чоңойтту эле, окутту эле.. . Күлүмкан азыр жакын адамдарынан бирдей ажырап, күйүтү күч. Аны Барчынай:

- Кызым, күйүт жаман, ичиңдеги балага зыяны тийет, эптеп ушу наристени аман-эсен биздин колубузга тийгиз, кызбы, уулбу, Белегимдин белегин көрүп көңүлүбүз тынсын, - деп сооротуп өзүнүн ичи өрттөнүп атса да токтонуп калчу болду.

- Апа, апаке өз апамдан жашымда ажырап жакшы билбей калдым, сиздин ушинтип кабыл алып турганыңыз мага канчалык дем, бирок кантем, атамдан ажырап калып Белекти жөлөк кылып келсем ал минтип… - деп өксөп жиберди.

- Кантесиң, айланайын, кайрат кыл, сени биз талаага таштабайбыз, өзүңө үй сатып беребиз, окууңду бүтүп иштейсиң, алаксыйсың, а менин Белегим… - Барчынай дагы Күлүмканды кучактап ыйлап жиберди.

Айымгүл менен Атабек бүк түшүп жатып калышты. Экөө эки жерде күйүттөн, карылыктан ого бетер карып болуп калышкан. Алардын күйүтү менен иши жок Кумарбектин балдары жанына келишип үстүлөрүнө минип:

- Таене, эмнеге жатып алдыңар, бизди ойнотуп келбейсиңерби, - десе бири:

- Таята, мен сиз менен паркка баргым келип атат, - деп чоңураагы экөөнү колдон ала тургузганга аракеттенишет. Баланын тили таттуу, жүрөгү таза, күндө ойнотуп, кардын тойгузуп көнүп калганга аларга жармаша кетишет. Аргасыз экөө экөөнү жетелеп сыртка чыгып алаксытып келип, кайра кирип жатып калышат. Асел тамак-ашын жылуулап берип карап турат. Өткөн күн, зыпылдап соккон желдей сызган убакыт аларды да өз ордуна койду. Арадан билинбей төрт ай өтүп, Күлүмкан түн бир оокумда толготуп калды. Кайната, кайненесинен тартынып, этинин ооруганын айтпай, улам сыртка кирип чыгып жатканда Барчынай сезе койуп, төрөтканага алып жөнөдү. Жолдон төрөлгөн наристе кыз экен. Барчынай негедир: "Каап, уул болуп калганда не арман, мейли, уулумдун артында кыз болсо да туяк калды, каралдым, ушул кичинекей көчөтүңдү өзүң көрүп, Күлүмканды ак жоолугумду салдырып жетелеп өзүң алып келгенде гана, айла канча" деп ууз жыттанган көзүн ачып-ачалек наристени жыттап алып, тээ өзүнүн Белегин көз алдына келтирип алды: "Карачы Барчынай, Белегим Сейтектин эле өзү, мурду, көзү, кашы куйуп кйогонддой" деп Айымгүл айтканда уулун телмире тиктеп: "ушунун өзүнө окшошун өзү көрсө болбойт беле" деп көзүнө ысык жашы тегерене түшкөн. "Каралдым, - деп алды ал, - кыз болгону эле болбосо, Белегиме куйуп койгондой окшош экен" деп шуу-шуу эттире жыттап алды. Наристенин атын аман-эсен чоңойсун деген тилек менен Амангүл койду.

Атабек менен Айымгүлдүн эрмеги кичинекей Амангүл. Улам биринен бири ала койуп, эч нерсени туйуп биле элек наристени жаткырышпайт. Күлүмканга болсо өзүнө арнап бир бөлмө үй сатып беришти. Амангүл алты ай болуп торолуп калганда аны алып калып окуусунан өксүбөсүн деп өүнчө койушту. Ал тез-тез келип турат. Күлүмкандын төрөгөнүн уккан таеке-таажеңеси келип кетишти. Акырындап баласын көргөнү келип-кетип жүрүп окуусун бүттү. Амангүл экиге чыгып, чала-була там-туң басып калган. Жерге-сууга түшүрбөй багып алышты. Тобокелди аталап, жанынан чыкпайт. Ал пенсияга чыгып, үйдө. Кемпир-чал дале Кумарбек менен турушат. Аруукенин үйдө көп болбогонуна карап, Асел аларды карап биерде. Айымгүл баштагыдай үй жумушун жасоого жарабай карылыкка мойун сунган. Атабек экөө жайкысын сыртта күн чубактап, өткөн-кеткенди сөз кылып, кышкысын неберелеринин күлкүсүнөн кубаттанып меш алдына барчу мезгилди күтүп өкүнүчүн кубанычы жеңип, бүгүнкү күнүнө шүгүрчүлүк кылып жашай башташкан.

Арууке жүрөгүндөгү "алтын" деген ооруну алып салалбай: "эмнеге менден жашырышат? Мен деле өз бүлөсү эмесминби", деп ичинен жини келип алат. Окуусун бүтүп, жумушка орношуп алгандан кийин үйгө кеч келгени көбөйдү. Кумарбек баягыдай эле өз иши менен алек.

Закир менен Арууке бул кечте бир бөлмөдө бир бирине ырахат тартуулап, бул жашоонун кызыгын, өмүрдүн таттуу учурун көрүп бүткөндөй бир биринен тажай баштагандай эки жакты карап жатып калышты.

- Закир, - Арууке ары карап жаткан бойдон үн катты.

- Оов.

- Сенин аялың эч нерсе билбейби?

- Кайдан, ал байкуш мурдуна бок шыбаса кенебей турган аял, балдар менен алышып эле жатат.

- Менин эрим деле эч нерсе менен иши жок, мен аны кызгантам деген ойдо ушул ишке бардым эле, кызганмак турсун, эмне кылып жүргөнүмдү сурап да койбойт.

- Арууке, анда ал сени сүйбөйт ко?

- Ошондой, анын же башка менен жүргөнүн укпадым, уруш чыгарганга эч шылтоо жок, - Ары карап жаткан Арууке Закирди карады, - Эмнеге анын жүрөгүн ойгото албайм? - ызалуу анын көздөрүнө тигилди.

- Чүрөгүм менин, аккуум, ушундай аялына көңүл буруп койбогон эркектин жүрөгү жок, ал эмес сени мен кызганам, - Закир кучактап өөп, кайрадан ишке киришти.

Арууке чынында Закирден тажай баштаган: "тажадым ушундан, мен эми өзүмдүн сулуулугумду далилдеш үчүн, мени башкалар да сүйөөрүн Кумарбекке көргөзөм!" деп алды сүйгөнүнүн койнунан туруп чачын тарап, күзгүгө каранды да, үйүнө жөнөдү.

Ал келгенде Кумарбек иш столунда отурган, кирип келген аялын бир карап алды да:

- Сен кайда жүрөсүң, убакыттын канча болгонун билесиңби? Балдарың, күйөөң бар экенин унутуп калдыңбы?

- Эмне болду, аялың экенимди эми эстедиңби же үй кызматчынын ордун басып, бала төрөп үйдөн чыкпай эле отура беришим керекпи?

- Көп сүйлөбөчү, эмне жетпейт сага? Таятамдар карып калды, аларга убагында тамак-ашын жылуулап берип, балдарды өзүң карап тарбияласаң боло, алар сени тааныбай баратат го дейм?

- Тааныбаса сен турбайсыңбы, өлбөй чоңойо берсе кайда качмак эле, мен эми с енин карыган таята-таенеңди карап, багып үйдөн чыкпай үй күчүк болушум керекпи? - Арууке кагынып-силкине ички үйгө кирип кетти.

- Үй күчүк болом десең, каалаганыңды кылчы, - Кумарбек колун шилтей ары басты. Булардын сөзүн сырткы эшиги ачык бөлмөдө жаткан Айымгүл менен Атабек угуп тим болушту. Арууке ички үйдөн кийимин которунуп алды да кайра чыкты:

- Мен каалаганымды кылсам бул үйдөн кетем! - каалганы тарс жапты да чыгып кетти.

- Төрөгөн балдарыңды жыланча бага албасаң кете бер! - Кумарбек да кайдыгер кала берди. Айымгүл чыга калып:

- Балам, бизге карап кыйналбай өз үйүңөргө барып жашасаңарчы, келин туура айтат, ал жаш, өз теңтуштарын күткүсү келет, таарынтпай аны алып кел, балам. - деди Кумарбекти карай.

- Таене, кабатыр болбоңуз, өзү келет, - тайнесин жылмая колтуктай ордуна алып барды, - үйүнө барып сергисе келет.

- Жок балам, азыр артынан бар, ал таарынып кетти, кудалар да башкача ойлобосун.

- Макул тайне, барып келейин, сиз тынч эс ала бериңиз.

- Балдардын жашоосуна кийлигишпей жүр десе болбойсуң, тим кой таарынса жазылат, - Атабек кемпирине ачуулана карады.

- Кой чал, ачууланба, балдарды бириктирип кошуу биздин милдетибиз да, азыр булар жаш, өздөрүнчө жашагысы келет экен.

- Андан көрө Тобокелге айтып экөөнү бөлүп койгула, келиндин жүрүшү башкачараак болуп калды, ушундайда бөлүп салгыла!

- Ошентпесе болбойт, - Айымгүл ойлуу төшөгүнө жатып калды. Кумарбек булар кужулдаша баштаганда эле чыгып кетип кайнатасынын үйүнө келди, түнкү саат он эки болуп калгандыктан алардын жарыгы эбак өчүп калган. Бир аз турду да эшикти какты. Көптөн кийин Сайдимурат чыгып күйөө баласын көрүп чоочуп кетти:

- Кел-кел, тынччылыкпы?

- Тынччылык эле, Арууке уктап атабы?

- Арууке???

- Ооба.

- Ой ал биякта эмне уктамак эле, ал… - чоочугандан, - кир, кирчи үйгө.

- Ал үйгө кеч келгенин койбоду, анан… анан таарынып баса берген…

- Анда келген жок, телефон да чалбады, эмне, уруштуңар беле?

- Жок, жөн эле эмнеге кеч келесиң, балдарды жакшылап өзүң кара деп айтсам эле чыгып кеткен.

- Эч нерсе эмес, бүгүн таарынса эртең жазылат. - экөө ашканада кобурашып атканда Тажикан ойгонуп келип калды:

- Кумар сенсиңби, түн катып кайдан?

- Кызың таарынып чыгып кетиптир… - Сайдимурат жооп берди күйөө баласынын ордуна.

- Эмне дейт, ал караңгыда кайда кетмек эле, Тобокелдикине бардыбы?

- Жок, мен бул жакка эле келгендир деп ойлогом.

- Катуу уруштуңарбы? - эне эмеспи, Тажикан Кумарбектен шекший сурады.

- Урушкан жокпуз, болгону күндө кеч келгенинен эмнеге кеч келгенин сурап койдум, - ал күнөөлүү адамдай жер карады.

- Коркпой эле кой, кайда бармак эле кызың, ушунча жылдан бери эчтеме дебей сурап койсо өөн көрүп таарынып чыгып кетсе курдаштарыныкына кеткендир? - Сайдимурат аялын тыя сүйлөдү. - Мейли, таарынып кайда бараар экен.

- Мен апамдардыкына барайынчы, - Кумарбек ордунан тура жөнөдү.

- Аерге барып көр, болбосо өзү келет, - алар күйөө баласы кеткенден кийин өздөрүнчө күңкүлдөшүп калышты. - Кызыңдын жүрүшү жаман, мындай күйөөнү кудай деп жашаса болбойбу, кандай күйөө болбосун сурайт да, келесоо эмес, акыл эстүү, жогорку билимдүү күйөөсүн көзүнө илбей күндө кеч келсе, сен ага айтып түшүндүр, эмнеден кем болду, көзүн карап, бүткөн бойунун баарын алтынга ороп отурат.

- Менин эле кызымбы, сен деле айт, де! - аялы күйөөсүн жактырбай кирип кетти.

Эртеси Сайдимурат өзү тааныган мектептин директоруна телефон чалды. Ал жайды сураштыргандан кийин Аруукени сурады эле, бир аздан кийин чалуусун өтүндү. Күтүп отуруп кайра чалды эле:

- Ой Саке, кызың жумушка келиптир, чакырып койонбу? - деди.

- Чакырсаң чакырып койчу, сүйлөшөйүн. - Көпкө чейин Сайдимурат телефонду тиктеп отура берди. Акыры телефон шыңгырап калды. Шашып калган ал дароо эле:

- Алоо, алоо Арууке, үйгө келип кетчи? - деди.

- Ата, эмне болду, жөн-жай элеби?

- Келип кет, апаң сүйлөшөм дейт.

- Макул, саатым бүтсө эле тие кетем.

- Ошент кызым.

- Барып калам ата, кам санаба, - Арууке директордун кабинетинен ойлуу чыгып классына кирди: "Эмнеге чакырып жатат болду экен, Кумарбек барды бекен, анда алар мени урушат" деп сабакты жакшы өтө албай эптеп сааты бүткөндөн кийин аларга жөнөдү. Ал келгенде ата-энеси тамак жасап күтүп отурушкан. Кирип келип экөөнү кучактап өөп, сырткы кийимин чечип төргө өтүп отурду да:

- Ата тынччылыкпы, эмнеге чакырдыңар? - деп экөөнү алмак-салмак карады.

- Жайчылык эле, көптөн бери келбей кеттиң, атаң пенсияга чыккандан бери үйдө отуруп эригип атат, балдарыңды ээрчитип келип эки үч күнгө жүрүп кетсең боло? - Тажикан сыр билгизбей сөздү алыстан баштады.

- Оо-ой апке, ошого да чакырып.. Кундуз менен Керимбек мени ээрчибейт деле, жанагы кемпир-чал аларды менден алыстатып койду.

- Энесиң го, балдарды өзүңө тартып карабайсыңбы, жумуштан келгенден кийин ээрчитип эки жакка сейилдет, аны-муну алып бер, эркелетип жаныңа алып жат!

- Койсоңорчу, бага тургандар турганда аларды өзүмө көндүрүп эмне кылам, жүрө беришсин, ээрчитип алып жүдөп жүрөмбү?

- Кокуй күн, эрикчээл болуп, оңой оокатка көнүп алып жаман болгон экенсиң, андай болбой күйөөңдү карап, анын көңүлүн таап, балдарыңды жакшылап өзүңө тарт!

- Ушуну айтмакка чакырдыңар беле? Кумарбек мени үй кызматчысындай көрөт, мени аялым деп эсептебейт, - ордунан туруп сыртты көздөй жиндене жөнөдү, - Силер менин жашоомо киришпегиле, мен силердин тилиңер менен ошого байлангам, эми мен өз тагдырымды өзүм чечем! - деп чыгып кетти.

- Ап-ээй атасы… - Тажикан күйөөсүн элейе караган бойдон туруп калды.

- Айтпадым беле, кызыңда шойком бар деп, жүрүш-турушу да өзгөрүп баратат, ушундайда тый, болбосо жакшы жерден ажырап калышы мүмкүн.

- Менин тилимди алабы ошол, тим койолу, балким өзү эсине келээр? - Экөө санааркай отуруп калышты.

Арууке ал күнү үйүнө барбады, чогуу иштеген мугалимдин туулган күнүнө барып ал жерде түн бир оокумга чейин отуруп өзү менен иштеген бойдок Төлөгөн менен таанышып, ал узатып койуууну сураганда:

- Жок рахмат, өзүм эле… - деп наздана аны карап койгондо ал аны карай колун бооруна ала тамашалай сүйлөдү:

- Сиздин көз карашыңыз өзү эле бир керемет экен, сиздей жанга жетип өмүр кошкон жарыңызда арман болбосо керек, бүгүн сиздин кызматыңызда болууга даярмын, чоң кыз.

- Мындай сөздүн кереги эмне, жеткирсе жеткирип койуңуз, - Арууке үйүнө баргысы келбесе да анын машинасына түштү: "Кайырмакка илем сени шашпа, эркектер артымдан кандай жүгүргөнүн керек болсо өзүңө көрсөтпөсөмбү" деген ойго берилди. Чынында Төлөгөн анын көз карашына арбалып калган. Төлөгөн жакындан бери мектепке физкультура сабагынан мугалим болуп иштеп жүргөн. Аялы менен ажырашып жалгыз турчу. Машинасын айдап баратып акырын көз кыйыгы менен карап койуп келе жатты. Аны байкаган Арууке эч нерсе билбегендей жолду карап мелтирейт.

- Арууке, канча балаң бар?

- Эки, бир уул, бир кыз.

- Жакшы-ы, - ал кайрадан суктана карап алды, - эки бала төрөгөн аялга окшобойсуң, адеп сени көргөндөн эле жактырып калып күйөөңдүн бар экенин билип тим болгом.

- Куру сөздүн сиз экөөбүзгө пайдасы деле жок, тезирээк айдаңыз, жетчү жериме эртерээк жетейин, - кабак чытый сүйлөдү Арууке.

- Азыр, сенин жаныңда туруу өзүнчө эле бир керемет, сүйлөөр сөзүмдү да айта албай апкаарытып салдың, - дегенде машина тык токтоду.

- Эмне болду?

- Билбейм, азыр карап көрөм, - Машинанын капотун ачкан Төлөгөн ары жак, бери жагын чукулап кайра отурду, - май түгөнүптүр, эптеп үйгө жетсем болду эле, сени жеткирем деп уят болмой болдум, бир аз кечиксек капа болбойсузбу, Арууке? - Жылмая сырдуу карап койду.

- Эч нерсе эмес, жетсек болду, - Арууке да кайдыгер адамдай жооп берип койду.

- Күйөөңүз урушпас бекен?

- Жок, урушпайт!

- Арууке, бир сөз айтсам кабыл аласыңбы?

- Адегенде айтып көрүңүз, укпай туруп жок, же ооба дей албайм.

- Экөөбүз жүрүп албайлыбы?

- Ал эмне дегениңиз, мени ошондой аялдардан деп турасызбы? - Арууке калп эле ачууланган болду.

- Кечирип кой, бирок сага көңүлүм түшүп калып алапайымды таппай жүрөм, күйөөң болбогондо үйлөнүүгө даяр элем.

- Эркектер дайым ошентет, сулуу аял көрсө үйдөгү аялдарын унута салып бойдок болуп чыга келишет.

- Арууке, чынымды айтып жатам, аялым жок, бир бөлмө үйдө жалгыз жашайм, жанымда сага окшогон чүрөк болсо, атаганат?

- Өтө эле тамашакөй экенсиз, биринчи таанышканда эле болгон сырыңызды төкмөй болдуңуз го? - Арууке жылмая карады эле, ошондон пайдаланган Төлөгөн анын кыска йубкасынан булая көрүнүп турган түптүз, ичке буттарына көзү түшө санына колун жиберди.

- Сизди кучактап жаткан күйөөңүз илебиңизге эрип кетпей, жарыгыңыздан көзү уялбай кантип гана чыдап жатат болду экен, ээ чиркин!

- Анчалык мактанбай эле эркектик сугум түштү деп ачык айта бербейсизби? - Арууке анын колун акырын ары түртө сүйлөдү.

- Аны өзүң деле түшүнүп турбайсыңбы, бирок чынында сени бир көргөндө жактыргам, кудай жалгап бүгүн бир сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү, - Төлөгөн бирде "сиз", бирде "сен" деп алдастагандай көрүнүп атты.

- Жомок айтышпай баятан бери ары-бери өткөн машинадан бензин табылат эле го, аракет кылсаңыз.

- Болуптур, тааныш жолугуп калгысы бардыр, - Төлөгөн кабинадан түшүп өтүп бараткан жеңил машинага колун көтөрө токтотту. Ал Кумарбек болчу.

- Дос май түгөнүп калды, бир литр май кайрылып кой! - деп Төлөгөн ага эңкейе суранды.

- Менин өзүмдүкү деле аз. - Кумарбек чынын айтты эле, - башкалардан сурап көрчү.

- Анда жолдун жээгине чыгарышып койчу, чоң жолдун ортосунда туруп калдым, жалгыз түртө албай.

- Тиги кызыңды түртүшүп кой дебейт белең? - Кумарбек бери карап келатып көзүн кысып койду, - же аялыңбы?

- Жок, туулган күндөн келаттык эле, бирге иштешкен келин, жеткирип койойун деп…

- Аа-а жакшы, - ушул учурда Арууке күйөөсүнүн үнүн угуп тааныды да үндөбөй отура берди. Айлана караңгы болгондуктан ичтеги Аруукени Кумарбек көрбөдү, ал экенин ойлоп да койгон жок. Машинаны түртүп жол жээгине чыгарышып койуп машинасын айдап жолуна түштү.

- Ой ата-аа, карабайсыңбы эми, түн бир оокумда жолдон өткөн машиналар да жок болуп калат, жакшы жигит экен. - деп Төлөгөн Кумарбектин кеткен жагын карап бир аз турду.

- Мени ага тааныштырып койбойт белеңиз, - Арууке кытмыр жылмая Төлөгөндү карады.

- Эмнеге? - Төлөгөн таңгала аны суроолуу карап: "Эмне үчүн минтип жатат, эркектерди көргөндө өзү жүгүрчү эмнелерден окшойт, жанында мен турсам" деген ойдо болуп турду.

- Таанышып көрсөм мүмкүн май берет беле? - дале сырдуу жылмайганын койбой анын көзүнө тике карады.

- Ой койсоңчу Арууке, аялдардын аркасы менен жашаганды жакшы көрбөйм, - Экөө бир азга үнсүз отуруп калышты.

- Тамаша, - деди көптөн кийин Арууке, - Билсеңиз ал менин күйөөм, мени издеп атамдарга бараткан окшойт.

- Ыя, чын элеби? - Бүшүркөй караган Төлөгөн ишенип-ишенбей карады.

- Чын… мен үч күндөн бери үйгө таарынып барбай жүрөм, эми үйгө барсам чындап чатак чыгат болуш керек.

- Да, да-аа, ошондой де, кокус сени таанып калса чоң чатак чыкчу тура, ээ?

- Ал чатак чыгармак эмес, мени сизге биротоло таштап кете бермек.

- Койчу? - Тамашалап жатабы дегендей ийин куушура отуруп: "Эгер таарынышып жүргөнүң чын болсо болгон күчүмдү жумшап Аруукени өзүмө каратып алайынбы? Эмне, мен ушундай сулуу аялга татыктуу эмесминби?" деп ойлуу отуруп калды.

- Эмнени ойлоп калдыңыз? - Арууке түнкү тынчтыкты буза чалкалай калып каткырып жиберди.

- Арууке, чынында ойлоно турган иш экен, мына мен минтип аялы жок колоктоп жалгыз жүрөм.. Ну.. күйөөң деле жаман эмес, чиренген неме экен, бирок сендей сулуу аялынын кадырына жете албай таарынтканы жүрөгүмдү оорутуп койду.

- Күйөөм чынында жакшы адам, - Арууке чын дилинен сөз баштап ички сырын ушул бейтааныш адамга төккүсү келгендей ойлуу сүйлөдү. - Жакында диссертациясын жактап бүтөт, институтта мугалим болуп иштейт.

- Оо даражасы жогору тура, канткен күндө да ал адам баласы да, үйбүлөнү сакташ керек эле го?

- Сиз сүйүп көргөнсүзбү? - Арууке күтүүсүздөн суроо берди ага.

- Мм, мен ата-энемдин айтканы менен айылдаш эле кызга үйлөнгөм, анан анын баскан турганы, кыял жоругу жакпай, окуп жүрүп көбүнчө барбай калсам урушат, эки балалуу болдук… - Төлөгөн чылым күйгүзө бир азга ойлуу болуп отурду. - Анан ал төркүнүнө кичине кызыбызды алып кетип калды. Мен ошол бойдон барбадым.

- Канча жыл болду?

- Быйыл үч жыл болот, улуу балам ата-энемде, быйыл беш жашта.

- Жашоо деген кызык экен, мен дагы ата-энемдин тилинен чыга албай сүйүү дегенди билбей эле тийип эки балалуу болдум, бирок ойлоп көрсөм сүйүүсүз жашоо кыйын экен, байлык десе байлыгы бар, эч нерседен кем эмесмин, балдарым багылуу…

- Экөөбүздүн тагдырыбыз бирдей экен, ишенсең мектепке жаңы келгенде сени көрүп эле бир башкача сезим пайда болгон, анан сенин башың бош эмес экенин уккандан кийин даабай жүрүп мына бүгүн жок дегенде бирге отурууга мүмкүнчүлүк табылды, - Төлөгөн ыктай берип Аруукенин тизесине колун койду. Ошол убакта экөөнүн тең ток ургандай зырп эткен жүрөгү аргасыз тиктешүүгө алып келди. "Чын эле мен деле ушул жигитти анда-санда директордун кабинетинен беттеше калганда башкача боло түшчү эмес белем, жаман адам эмес, жогорку билими бар экен" деп ойлогон Арууке бир көз ирмемде Кумарбек менен алгачкы жолуккандагы кезин эстөөгө аракет кылып тунжурай калды. Чынында аны көргөндө мындай сезим деле болбоптур: "Атамдар мени эч нерсени сезбеген өтө жаш кезимде күйөөгө бергенге эмне шашты экен, бир аз күтсө мен деле өз теңимди таап сүйүүгө кабылып бактымды табат элем го?" улутунуп алды.

- Түндү ушул жерден арманыбызды айтып өткөрөбүзбү, жок дегенде мени таксиге болсо да салып жиберсеңиз боло? - Арууке өз өкүнүчүн улутунуу менен сыртка чыгарып эс ала түшкөндөй эмелеги сузданган жүзү жаркырай Төлөгөндү карады.

- Ой кантет, сизди салып жиберип мен жалгыз каламбы, ансыз деле жалгыздыктан тажап жүргөндө, - Ал да аны сүйкүмдүү жылмая карады. - Бүгүн экөөбүз кадыр түн тособуз, жүрөктүн эңсөөсү толуп, көңүлдүн көксөөсү тынып бир аз болсо да жан сергитип алалы.

- Ошону менен баары толуп, көңүл көксөөсү аткарылып калабы?

- Ананчы, көңүлгө жаккан адам менен бир мүнөт болуу кындай ырахат экенин билесиңби, Арууке? Сени билбейм, мен азыр өзүмчө эле толкунданып жатам, - Төлөгөн эми анын ийнине колун алып барды. - Өзүмө өзүм батпай бактылуу болуп отурам, сендей сулуу келиндин колун кармоо кандай бакыт.

- Эркектер ушундай калп болот окшойсуңар, менин күйөөм да ушинтип жүргөндүр балким?

- Кызганып жатасыңбы?

- Кызгана турган болсом алда качан эле ажырашып кетмекмин.

- Өзүң деги күйөөңдү жакшы көрөсүңбү?

- Ошону билбейм, жөн эле айтып койдум да.

- Арууке, кел экөөбүз башкача сүйлөшөлүчү, мындай… - ойлоно калды, - Мындан ары экөөбүз жакшы болуп жүрөлү.

- Ансыз деле мындан ары таанышпыз да, мурда бир мектепте иштесек дагы учурашчу эмес элек, - Күлө сүйлөдү.

- Менин сунушума макул болоор белең?

- Кандай сунуш?

- Эртең жумуштан кийин менин үйүмө барсак, мен сени сыйласам, сүйлөшүп отурсак, чынымды айтсам сени жанымдан чыгаргым келбей турат. Өмүр бойу бирге болоор күн болсо гана?

- Мени үйдөгүлөр издеп атышат го, күйөөм үч күндөн бери үйгө барбаганымды айтса өлтүрүп койушат.

- Коркпо Арууке, эгер сен уруксат берсең түз эле барып сени мен куткарып да, биротоло бошотуп да алам.

- Ой-оой, абдан катуу кеттиңиз го, азыркы заманды билесиз го, үйбүлөнү бузгандарга закон катуу, мен али ажыраша элекмин… Анын үстүнө биз бири бирибизди жакшы биле элекпиз, жаш да эмеспиз.

- Арууке, мен сени чын жүрөгүмдөн жакшы көрүп калдым, кыскасы сүйүп калдым.

- Таң да атып кетти, киши көрө электе мен жылайын, - Арууке машинадан түшүп жөнөмөк болду.

- Токто Арууке, мен сенден жообун ала элекмин. Эртең, жок бүгүн жумуштан кийин менин үйүмө барабызбы?

- Ойлонуп көрөйүн, - деген Арууке өтүп бара жаткан троллейбуска жүгүрүп жетип түшүп кетти. Таңга маал кирип келген кызын көргөн Тажикан аны акырая бир карап алды. Арууке үндөбөй үйгө кирип кийимин алмаштырып ашканага кирип чай куйуп чыйрыгып үшүгөнчө чайдын кайнашын күтүп отурганда Тажикан:

- Ой шерменде, эри бар аял түндөп-күндөп жүргөнү кантип болсун, кечинде Кумарбек келип сенин кайда жүргөнүңдү билбей кыжаалат болуп кетти, уялып өлдүм.

- Эмнеге уялат элем, мен эмне ойноп жүрүптүрмүнбү, бирге иштеген келиндин туулган күнүндө болдум. Коллективден чыкмак белем анан?

- Эри бар аял бир ооз суранат, кетсе айтып кетет!

- Ой ушунуңарды койгулачы, мен эмне ага өмүр бойу бүжүрөп көз каранды болуп жүрө бермек белем, силер болбосоңор мен Кумарга тийбейт болчумун! - Арууке ыйлап жиберди.

- Эмне дейт мынабу кыз? Ай атасы, кызың соо болбой калган го? - Ички үйдү көздөй карап үн салды, - Келчи мобул жакка, - деп кыйкырды эле Сайдимурат чыгып келди.

- Ийи кызым, жылан чакпай жылкы теппей эмне болуп жүрөт сага, ушу сенин айыңдан жакшы мамиледеги досум менен жүз карашпай калабызбы, эсиңе кел, эсиң барда этегиңди жап!

- Мен ажырашам, экинчи ал үйгө барбайм!

- Барасың! - Тажикан жиндене айтты, - өзүңдү өзүң билип өтүгүңдү төргө илип, тарбия көрбөгөн кишинин кызындай өз билгениңди кылганыңды токтот!

- Барбайм дебедимби, барбайм!

- Балдарыңды эмне кыласың? - Сайдимурат кызын сынай карады: "балдарын кыйбайт" деп ойлоп турду ичинен. - Балдарыңды кечесиңби?

- Алар кор болбойт, менден жакшы багышат, мен өзүм кетем! - Арууке ушуну айтып атып: "Төлөгөн маданияттуу жигит, мени сүйгөн адамга өз калоом менен тийип алам, ал мени уят кылбайт" деп ойлоп турду.

- Эмне, башка күйөө таптыңбы, Кумарбектен жакшыраак, бай, билимдүү? - Тажикан кызын какшыктай сурады.

- Мен күйөөгө тийбейм, иштейм, - Арууке үйдөн чыга жөнөдү.

- Булардын жашоосу болбой калган окшойт, кудагыйдын бетин кантип карайбыз, тоодой-таштай болгон кишилер, кызыңдын бүткөн бойун алтынга ороп өз эркинче койуп отурганда минтип тейтеңдеп отурат, - Тажикан наалый карады.

- Айла канча, тилибизди албаса, - Айласы кеткен Сайдимурат алакан жая отуруп калды, - Бекер кылган экенбиз, Тобокел деле жакшы үмүт менен куда бололу деди да.

- Ошону айтсаң, эл караган бетибизди жер каратып өзүбүздүн кызыбызда болуп атпайбы, алар эмне, өз кызындай эле көрүп отурат.

- Эмне кылабыз, дагы айтабыз.. Таарынып калганга ушинтип жаткандыр, балдарын ойлоноор, - Экөө эки жерде үңкүйүп отуруп калышты. Арадан бир ай өтүп кетти. Арууке анда-санда келет да, кийимин алмаштырат да, кеп укпай кетип калат. Төлөгөн менен жолугушкандан бери ага көп барып түнөгөндөн тартынат. Анткени ал өтө маданияттуу, көп эркектей баса калган адаты жок эле. Ошондуктан: "Бузулган неме экен деп ойлобосун" деп көбүнчө көнгөн адатынча Закир менен кетип калат. Төлөгөн аны үйүнө чакырса ага маданияттуу болуп көрүнгүсү келип: "үйдөгүлөр урушат, ажырашканча үйдө болойун" деп койот.

Бир күнү Сайдимураттыкына Айымгүл, Тобокел, Барчынай үчөө келишти. Аларды үйгө киргизген Тажикан өзүнчө уялып атты:

- Кудагый, жылкы теппей жылан чакпай Аруукеге эмне болду, өз кызыбыздай эле көрүп, каалаганындай жүрөт, же бизден капа болгон жайы бар бекен? - Сөздү Айымгүл баштады.

- Айланайын кудагый, силерди ушул куттуу эшигибизге жакшылык менен келтирсек болбойт беле, чунак кыз же сырын айтпайт, - Тажикан дасторкон жайып жүрүп жооп берди. Элүүлөргө барып калган толмоч аялдын үйүндөгү кыймылы чынында кыйын. Келиндери өз-өзүнчө бөлүнүп кетип коноктой эле келип кетишчү.

- Убара болбой эле отурчу Тажикан, андан көрө сүйлөшөлү, Арууке келсе алып кетели, чекесине чертпесе, же мен кайненелик кылбасам, же апам бирдеме дебесе, Кумаш деле бир ооз эле эмне кечигип жүрөсүң деп койуптур, - Барчынай кудагыйына наалыгандай таарыныч менен сүйлөп отурду, - Биздикине келсе деле кой балам отура бер, деп жумуш жасатпайм.

- Эми эмне кылайын Барчынай, баланын өзүн төрөйт экенсиң, кыял жоругун төрөбөйт экенсиң, эмне болду десек айтпайт, - Тажикан ыңгайсыздана Аруукенин айтканын айталбай: "Ал келбей калса эмне деп ойлошот" деп ойлоп тайсалдап атты.

- Тобокел, - деди Сайдимурат, - биз балдарды жакшы ой, жакшы үмүт менен үйлөндүрдүк эле, дос элек, сен бизге капа болбо. Арууке кайда бармак эле, балдар таарынса жазылат, андан көрө жай отургула, козу сойойун, конок болуп кеткиле, аяш энем да көптөн бери келе элек эле, аяш атамды алдырайын, жакшылап сүйлөшүп чер жазалы.

- Ошент. Аяш атамды алдыралы, келиниңер да келип калат, - Тажикан чалын коштой калды. Кудалар макул болушту, анткени Кумарбек дагы келмек, биротоло экөөнүн тагдырын чечип келели деген ойдо келишкен. Тобокел кийинки кездерде келини жөнүндө бир сөз угуп жүргөн. Бирок эч кимге айткан эмес. Аруукенин Закир менен жүргөнүн завкафедра ага айтканда ишенбей койгон, ошондон көп өтпөй эле экөө таарыныша кетишти. Бирок Тобокел андай сөздү досуна кантип айтат, аялына дагы сөз чыгарбады, Кумарбектин бир мүнөздүүлүгүн, Арууке адегенде эле көңүлү келбегенин жакшы билет. Ошондуктан сыр билгизбей гана: "Качан ачык болмойунча менин айтканым туура эмес, эгер ошончолукка барган болсо баары билет, бир гана менин кулагым керең" деп үндөбөй отурду. Сайдимурат менен Тажикан кудаларын коноктоого козу сойуп, өздөрүнчө аламандап сыртта. Эч нерседен капары жок Арууке дал ошол күнү козунун эти алдыга келип калганда келип апасына таң кала карады:

- Апа, коногуңар барбы үйдө?

- Ооба кызым, үйгө кирип которуна кой дагы жардам бер, мен абдан чарчадым, тиги коңшу келин болбогондо куурамак экенмин, - Тажикан ачык айтпай: "Кокус алар келгенин билсе куураган кыз кетип калып жүрбөсүн, үстүнө кирип көрүнүп алгандан кийин кете албай калат" деп ойлоду. Ал үйгө кирип кетери менен машина короонун оозуна токтоп Кумарбек келди. Аны көргөн Тажикан жаркылдай:

- Саламатсызбы апа, - деп өзүн көздөй келаткан күйөө баласына:

- Кел кагылайын, ырас болбодубу, тамак эми алдыга келгенде келип калганың, - деп үйдү көздөй баштады.

Арууке ичке кирип келатып эле кайнатасынын үнүн угуп делдейе туруп калды: "Кайдан келип калды эле, эми буларга не деп айтам, балаңар мени теңсинбейт деймби" деп ойлуу телмирип өзүнүн бөлмөсүнө кирип: "Айла жок, эми кетип калсам атамдар мени кечип таштайт" деп которунуп кайра чыгып келатканда күйөөсү менен беттеше түштү.

- Кандай Арууке, иштер жакшыбы? - Кумарбек эч нерсе болбогондой жадырай учурашты.

- Жакшы. - Арууке сыртты карай жөнөгөндө Тажикан аны колдон алды:

- Кир, үйгө кирип кудагыйлар менен учурашып шорпо куйуп отур!

- Кирбейм, өзүңөр кире бергиле! - Бултуңдаган Арууке сыртка чыгып кетти. Тажикан эчтеме дей албай кызына ичтен нааразы болуп унчукпай кирип:

- Кудай жалгап тамак бышканда Кумарбек да келип калыптыр, Арууке дагы келди, - деп сыр билгизбей отуруп шорпо куя баштады, - алыңыз кудагый, алсаңыздар аяш ата, алып отуруңуздар.

- Кызды чакырбайсыңбы? - Сайдимурат аялына карай башын сырт жакка экчеди.

- Ийи, азыр… - Тажикан ордунан туруп сыртка жөнөдү, - Арууке, ээ Арууке, кел кызым, оокат ич! - үн сала чыгып баратканда алдынан чыккан Арууке кирип төрдө отурган кайын журтуна баш ийкей учурашкан болуп сыңар тизелей отуруп калды. Бир азга эч кимиси сөз сүйлөбөй тамактанган болуп кашык менен чынынын кагышканы, шорпо ууртаган дабыштан башка дабыш угулбады. Көптөн кийин гана Атабек тамагын кыра:

- Ээ Сайдимурат уулум, силер бизге балдарымсыңар, эки жаштын келечеги биздин колубузда эми, кудайдын жазганына таянабыз, биз баш-көз болушка милдеттүүбүз, - Кумарбек менен Аруукени карады, - Кана балапандарым, күнөө кимиңерде, же бизден кеттиби, ачык айткылачы. Экөөң тең ата-энеңерди кыйнабай туура сүйлөгүлө, биз силерди бактылуу гана болсун деп тилейбиз.

- Ооба, атам туура айтат, биз Сайдимурат экөөбүз студент кезибизден теңтушпуз, жакшы тилек менен силерди баш коштуруп куда болдук эле, - Тобокел дагы уул-келинине карады.

- Каралдыларым десе, жаш кезде мындай таарынычтар боло берет, кайра эле жарашып алышат. Аруукем бизге таарынбайт, бүгүн үйгө баргыла дагы эртең өз үйүңөргө бөлүнгүлө, - Айымгүл келинин карады, анткени анын ойунда: "Бөлүнөм деп эле таарынып атат, жаш немелер өздөрүнчө ойноп күлө албай атышат" деп ойлоп жүргөн. Азыр ал айткан сөзүнө Аруукени сүйүнөт деп ойлоп отурган. Арууке өзгөрүлбөй тултуйуп отурганынан жазбады. Сайдимурат кызын карап:

- Кызым, кана эмне дейсиң, биерде улуу кишилер сенин жообуңду күтүп атышат, - деди.

- Ата, мени бир жолу бердиңиз, экинчи жолу кыстап бере албайсыңар. Жаш экемин, тилиңерден чыкпай макул болгонмун, эми мен эч жакка барбайм! - Арууке жер караган бойдон айтты эле, Барчынай баятан бери озунуп үндөбөй отуруп күйөөсүн карады да ал башын ийкеп койгондой кийин:

- Арууке, айланайын кызым, келин болуп барганыңа беш жылдан ашты, бирибизден жаман кеп уктуңбу? - деди.

- Мен сиздерге ыраазымын апа. Ата, сиздерге эч кандай таарынычым жок…

- Анда неге барбайсың, Кумаштан көөнүң калдыбы? - Айымгүл сурады аны бүшүркөй карап.

- Айта бер, менден көңүлүң калса ачык эле айт да? - Кумарбек Аруукени карады.

- Сенден калды көңүлүм, сен мени теңсинбейсиң, көңүл бурбайсың, окуу-окуу деп отурганың отурган. Балалуу болдук, анда да менин бар-жогум сен үчүн баары бир! - Арууке ызалуу сүйлөп жашын аарчый жер карады.

- Ошон үчүн ошол ишке барып жүрөсүңбү? - Кумарбек аялын сынагандай көзүнө тике карады, - Мени эчтеке билбеген келесоо же айбан деп ойлойсуңбу? - Кумарбек да ачуулана айтты, - Кана айтчы, ошол жүрүшүңдү туура деп ойлойсуңбу?

- Эмнени айтып турасың? - Арууке көздөрүн чо-оң ачып таңдана, - Эмне дейсиң?

- Сен мени билбейт деп ойлойсуң го, Арууке? - Кумарбек кабак бүркөй ордунан тура, - Мен сенин эсиңе гана салдым, эсиң болсо баарын кечирүүгө туура келет. Балдардан кам санаба, эгер көңүлүңдө ошол жүрүшүңдү туура көрсөң, жолуң ачык!

- Ой-ой бала, эмне деп турасың? - Барчынай ордунан туура калды.

- Жок апа, дал ушул бүгүн барса барсын, болбосо бир күнү келиниңер менен сүйгөнүн өлтүрүп салам! - Кумарбек сыртка чыгып кетти. Арууке отурган жеринде дел болуп башын көтөрө албай ар кайсыны ойлонуп же туруп кете албай: "Баарын билет туура, мени сынап жүргөн экен да, эми эмне кылчумун, биротоло барбайм ажырашып кетейин, антпесе болбой калган экен", деп ойлоп акырын ордунан туруп сыртка чыгып кетип калды. Сайдимурат сөз сүйлөй албады, аялы андан бетер тунжурады. Бири-бирин караган Тобокел менен Атабек ымдаша "кетели" дегендей ишарат кыла жапырт бата кылганы алакан жайды:

- Келгиле балдарым, бата кылалы, балдар дагы өздөрүнчө сүйлөшөөр, келишээр, кана эмесе бак карасын, кадыр даарысын, ылайым балдар ынтымактуу болушсун, дасторконуңарга береке! - Атабек карыялык батасын бергенде чогуу:

- Омийин, түбөлүгү түз болсун, өзүңөр дагы бала-чакаңардын урмат-сыйын көргүлө! - Айымгүл да кобурай алаканын бетине тартты.

- Айткандарыңыздар келсин, бизге капа болбоңуздар, балдарга да кудай ынтымак берсин, өздөрү чечишсин, - Тажикан кысына жооп кылды.

Кудаларын узатып кирген Тажикан кызын ички бөлмөдөн таппай калды.

- Кудай урган кыз, уят кылды го, ушундай болоорун сезгенмин, жүрүшү башкача болуп калган, айтпайсыңбы тынч жүрсүн, сүйлөй албай калдың, - Сайдимурат жамбаштай жатып наалый кетти.

- Эмне деп айтайын, ошо кызың мени угуп атабы, бирдеме дейин десең эле силкинип чыгып кетет, менде кайсы күнөө? - деп ыйлап отуруп калды, - Менин деле өлбөгөн төрт шыйрагым калды, күйөө баланын сөзүнөн улам бетим чымырап…

- Кантесиң кемпир, кудайдын жазганын көрөөр кызың, насип буйругу бар болсо жашап кетет, болбосо ажырашат, не болсо да көрдүк, - Сайдимурат кайра Тажиканды тынчтандыра сүйлөдү, - кейибе, кызың жаштык кылып койгон окшойт, Кумарбек жакшы күйөө, аны күтө албаса өзү билсин.

- Айлабыз канча, сени мен Тобокел менен куда болом дегениңде эле айткам, бири-бирин жакшылап билбей эле үйлөнүп алганы акыры ушуга алып келди. Аруукенин бактысын биз өзүбүз байлап отурабыз!

Кейип-кепчиген Сайдимурат менен Тажикан жатып калышты.

Бир убакта Арууке үйдөн чыгып курбу келиндин үйүнө келди. Ал аны жакшы тосуп алды.

- Кел Арууке, кандай шамал айдап келди сени?

- Зериктим да сени көздөп келе бердим, үйгө барсам кайын-журтум келип калыптыр, баса бердим.

- Туура кылыпсың, мен дагы жалгыз зеригип жаттым эле, - Күлүп калды Кымбат, - Ай, тиги жигиттерди чакырып албайлыбы ыя?

- Койсоңчу, сен го башың бош, бойдоксуң, менин күйөөм угуп калса… - Арууке чындап эле чоочулай сүйлөдү.

- Ой кокуй күн десе, экөөбүздү аңдып отурмак беле, ушу килейген шаардын каягында жүргөнүңдү билмек эле?

- Көңүлүм чаппай турат, андан көрө эртерээк эле жатып эс алалычы.

- Ма-акул, жаткың келип атса жаталы, - Кымбат экөөнө эки бөлөк төшөк салды. Арууке ой туткунунда кыжаалат: "Кантип эчтеке билгизбей жүрдү, ушунчалык көтөрүмдүүлүгүн.. мени сүйбөйт, ошон үчүн унчуккан эмес го, сүйсө кызганмак. Өлүп кеткир десе, атамдардын көзүнчө айтканын кара" деп уйкусу келбей улам ары-бери оодарылып жатып Кымбаттын сүйлөгөн сөзүн бирин укса бирин укпай "ийи" деп койуп жата бергенинен тажаганда ал уктап калган. Түн. Жымжырттык адам баласына кандай жагымдуу, кулак-мурунду кескендей жымжырттыкта кээде гана иттин үргөнү алыстан угулуп тынчтыкты бузбаса түн тынч.

Эртеси эрте туруп алып экөө эрчише мектепке жөнөштү. Арууке эки сабагын бүткөндөн кийин шашыла райондук участкалык бөлүмгө келип арыз таштады да кетип калды. Анын арыз жазганы баарына угулганда өңгөдөн да өз ата-энеси таң калды. Кумарбек таң калмак турсун кубанды. Сотто экөөнө жарашууга алты ай убакыт берилди. Убакыт бүткөнчө Арууке үйдөн чыкпады: "Экөөнү тең өлтүрүп салам" деген сөзүнөн чоочуп калган эле. Соттон чыккандан кийин Кумарбек Аруукенин жанына келди да:

- Эң туура болду, чынында сенин өз аялым экениңе ишенбей да кетчүмүн, эми элдин ичинде башымды өйдө көтөрүп жүрө турган болдум, - күлмүңдөй ага карай, - Бир аз болгондо сени сүйүп калып, сенин ыплас иштериңе карабай жашап калмакмын! - деди.

- Ошонун баары сенин мени сүйбөгөндүгүңдөн болду, мен дагы сүйө алган жокмун, - деп өзүнө караган кызын колдон ала ары басып кетти Арууке.

- Кош, кызымды алып келип тур! - Кумарбек аялынын кетип баратканын көпкө карап туруп: "Чын эле мен муну теңсинбедимби? Карачы бой келбетин, анан калса мүчөсү да келишип, кийген кийими да өзүнө жарашып турат экен" деп ойлоп, бир ныптасы эңшериле, эчтеме менен иши жок былтыйган колдорун башын буруп алып булгалап бараткан кызын улутуна карап турду. Сот кызы Кундузду Аруукеге берип, уулу Керимбекти Кумарбекке бөлүп койгон. Ошентип бири-бирин түшүнбөгөн үйбүлө турмуштун ысык-суугуна чыдай албай эки жакка кетти. Экөөнүн тең алдыдагы тагдыры туңгуйук, жашоолору кандай болоору белгисиз эле.

Арууке биротоло ажырашкандан кийин Төлөгөнгө жолугуп жүрүп, акыры экөө үйлөнмөк болду. Кээде келип, кээде келбеген кызынын тагдырын ойлогон ата-эне тынчсызданчу болду. Анан калса Кундуз дагы ыйлап: "Атама барам, таенем менен таятамды сагындым" деп, тынчы кетип кээде жатпай чатак чыгарчу болду. Андайда же Арууке жок, энелик мээримин төгүп уктатчу. Айласы кеткен Тажикан Кундузду өзү ээрчитип Кумарбектикине алып барды. Ал алаксытып, бир аз сагынычын таратып кайра алып келмек болду эле, Кундуз таятасына барып кучактап ыйлап туруп алды:

- Мен барбайм, таятам менен калам, бөбөгүмдү карайм!

- Кундуз, мен сени күндө алып келип турам, жүрөгой, апаң келсе экөөбүздү тең урушат.

- Жо-ок, ал менин апам эмес, мени таенем жакшы көрөт, а апам жакшы көрбөйт, - деп тызылдап ыйлап болбой койду.

Айымгүл Тажиканды жакшы тосуп, дасторконун жайнатып чай куйуп сүйлөшүп отурду. Кундуз болбой койгондо аргасыз өзү кетип калды. Сайдимурат анын жалгыз келгенин көрүп андан сурады:

- Кундуз гана?

- Ал үйүнө жете албай эле туруптур, кетпейм деп болбой калып калды.

- Аа-аа мейли, көнүп калган да, анын үстүнө иниси менен чогуу чоңойгон неме куса да болуп жүрбөсүн.

- Кээде алып келип, барып турабыз да.

- Кызың карабай койдуңар дебесе эле…

- Кежилдеп кечке ыйлап атама барам деп атса эмне кылайын, - Тажикан жини келгендей күйөөсүнө силкинип алды, - ал мага деле эрмек болуп жүрө берет эле, бизге көнбөгөндүк кылып атпайбы?

- Болду эми кечке сүйлөнө бербей, бу кемпир, жашы өткөн сайын сөз көтөрүмүң жок болуп баратабы дейм, көп эле нервиңди корото бербей өзүңдү токтоо кармасаң боло?

- Жакшы эле өзүмдү кармаганга аракет кылган менен болбой атпайбы, кемпир дебей жүрчү, элүү жашымда эле мен сага кемпир көрүнүп калдымбы? - Тажикан саал жумшара күйөөсүнө жылмая карады.

- Ой-оой кемпир, уул-кыздарыбыздын балдары чоңойуп, алды бой жетип калды, эми сен өзүңдү келин көрүп жүрөсүңбү?

- Азырынча келин бойум кебеле элек, анча-мынча жаш келиндерге караганда сын-сыпаттуу элемин.

- Болуптур байбиче, келин бойуңду кебелтпей жакшы караган мага ыраазы болсоң болот, - Экөө бири-бирин тамашалап отуруп жатууга кам урушту. Бирок экөөнүн тең көңүлүндө: "Аруукенин тагдыры кандай болуп кетээр экен" деген бүдөмүк ойлор турду.

Убакыт билинбей сызып өтүп, арадан эки жыл өтүп кетти. Арууке Төлөгөн менен үйлөнүүгө убадалашып, иштешкендери менен туугандарын, ата-энесин чакырып той өткөрмөй болушту. Адегенде Арууке Төлөгөндү аларга тааныштырмак болуп ээрчитип келди. Сайдимурат жаңы күйөө болчу жигитти анча жактыра бербей үнсүз отурду. Тажикан Аруукени ашканага чакырып чыгып:

- Иий бетим, Кумарбектен өйдөчүлүгү жок экен мунуңдун, ата-энеси бар бекен? - деди жактырбагандай кызын жаман көзү менен карап.

- Ата-энеси бар, эмнеси жакпай калды сизге, байлыгы болбосо да акыл-эси, иштеген иши, мага деген сүйүүсү бар! - Арууке мойун бербей апасына кашкая сүйлөдү.

- Сүйгүчүлүн мунун, эки балаңды жалдыратып койуп бакыт издегениңби бул сенин?

- Ооба, бакытты издеп таптым, демек менин жашоомо кийлигишпегиле!

- Мейли эми, душманга таба, тууганга күлкү болбосоң эле болду.

- Эч кандай таба болбойм, - эне-бала антип сүйлөшүп жатканда Сайдимурат Төлөгөн менен сүйлөшүп отурду.

- Канча бир туугансыңар?

- Жети, мен ортончусумун, ата-энем мугалим болуп иштеп жүрүшүп пенсияга чыгышкан.

- Жакшы, өзүңдүн ишиң?

- Физкультурадан сабак берем.

- Мм, Аруукенин күйөөсүнөн ажырашканын, эки баласы бар экенин билесиң да?

- Ооба, Арууке айткан, биз бири-бирибиздин сырыбызды билебиз, демек баарына даярбыз.

- Азамат, уят болбой жакшы жашагыла балдарым, ата-эне баласын бактылуу болсо деп гана тилейт, эми мындан ары сен да менин баламсың!

- Ыраазымын ата, Аруукени эч качан кор кылбайм, - Аңгыча Тажикан менен Арууке табакка салынган пловду, дасторкон менен көтөрүп келип калды. Бир топко чейин отуруп, анан Төлөгөн кетип, Арууке калып калды. Ата-эне бул жолу жөн гана акыл-насааттарын айтып кийинки жашоосунда жаңылбай жүрүүсүн эскертишти. Экөөнүн тең ойунда Аруукенин балдары жөнүндө бир жолу да кабатырланып койбогону таң калтырып: "Капырай, ушундай балага мерез жаралат экен да, эмне үчүн кызын бир жолу сурап койбоду", дешип ичтеринен сызган менен унчугушкан жок: "Таенеси багып такыр мээрим салбай калган экен, окуп жүрүп көңүл салбаса керек, мейли эми балалуу болсо ошондо имерилээр" деп кайра өздөрүн өздөрү сооротуп тим болушту.

Белгиленген күнгө чакыруучуларын чакырып жүрүшүп Кумарбектин эки күн мурун үйлөнгөнүн угушту. Арууке ойлонуп: "Менден сулуу неме алды бекен, бир көрүп келейин, балдарымды шылтоолоп барып келейин" деп Төлөгөнгө: "Үйгө барам" деди да жөнөдү. Ал келгенде Кумарбек сыртта уулу менен кызын эркелетип сөрүдө отурган. Жайнагүл ичтен дастаркон көтөрүп чыгып сөрүгө жайып чай койду. Арууке дарбазанын кычыгынан карап тура берди. Үйдө эч ким жок болсо керек, чай куйуп отурган аялын эңкейе бетинен өпкөн Кумарбек:

- Жайнаш, сен бактылуусуңбу? -деди эңкейе жүзүнө тигилип.

- Абдан, абдан бактылуумун! - Жайнагүл эркелей назданып койду.

- Кундуз, - деди Кумарбек, - Жайнаш апаңды жакшы көрөсүңбү?

- Ооба, - Кундуз оозундагы нанын чайнап жатып жооп берди, - Арууке жаман апа ээ?

- А сен аны унуткун ээ кызым, ал сени карабайт, сенин апаң Жайнаш, уктуңбу?

- Ийи, - дегенде Арууке чыдай албай кирип келди, ызалана түшкөн го, көздөрүнө жаш тегерене түшкөн, аны көргөзгүсү келбей буулуга жетип келип кызын колунан ала тартты:

- Мени сага жаман көрсөтүп бүтүшкөн экен, ким сага жакшы апа болуп берет ыя, төрөгөн энеңден эле кечээ келген өгөй эне сага жакшы көрүнүп калдыбы?!

- Ата-аа, койо бер дечи! - Кундуз ордунан жылбай чырылдаганда Кумарбек тура калып кызынын колун бошотуп:

- Сага эмне керек деги, эсин чыгарасың, убагында бала деп үйрүлүп карап, өзүңө тартпаган, эми эне болуп калдыңбы?

- Баарына сен, сен гана күнөөлүсүң, анан жанагы алжыган тайенең менен таятаң, болбосо мен өзүм эле бакмакмын!

- Арууке, баланы төрөгөн сенсиң, эч ким сенден талашпайт, баары бүткөн, бири-бирибиздин жашообузга жолтоо болбой тынч жүрөлү, ортодо балдар бар! - Кумарбек жоошуй сүйлөдү, - ал эми таятамдарга тил тийгизбе, алардын сага жамандыгы тийген эмес.

- Мен Кундузду азыр алып кетем, Керимбек чоңойсо өзүм түшүндүрөм.

- Мен сени менен кетпейм, атам менен калам! - Кундуз атасына ыктай калды.

- Өлүгүңдү көрөйүн десе, эмнеге барбайт экенсиң, барасың! - деп Кумарбектин колтугуна ыктап бүжүрөй көздөрүн алайткан кызын тарткылаганда жини келип:

- Арууке дейм, баланын жүрөгүн түшүрөсүң, сыйың менен кетип кал! - деди Кумарбек.

- Сыйым менен элемин, өгөйгө кор кылганча өлтүрүп кетем! - Көгөрө колунан тартканда Кумарбек аны түртүп ийди:

- Закир менен ойноп-күлүп жүргөндө ойлонбойт белең, же анда балаң бар экенин унутуп, мени көңдөй, эчтеме сезбейт деп жүрдүң беле, болду жетишет, жаман-жакшы айтышпайлы.

- Ишиң болбосун, менин ким менен жүргөнүм менен, - деп дале алкына кызын тарткылап атканда Айымгүл менен Атабек келип калды. Аларды көргөн Арууке бир азга үндөбөй туруп артына бурулуп чыгып кетти. Кетип баратып буулугуп ыйлап баратты: "Менден ашык эмес экен, мени ошентип бир жолу эркелетип койгон эмес эле, жаш тура болгону, көрөм ушуну менен жашап кетишкениңди. " деп паркка келип ызаланганын басып, көзүнүн жашын кургатып: "Мен дагы андан кем эмес күйөөгө чыгып жатам, анын эмнесине ызаланам деги, бакса баксын, бала багып азаптанбай өзүмдү карап жүргөнүмө тың болом" деп өзүн-өзү сооротуп алды да үйүнө жөнөдү. Ал келгенде Төлөгөн күтүп аткан, тойго даярдык көргөнү айылдан ата-энеси менен бир туугандары келишкен. Алар Аруукени көрүп, кайненесин Набат ак жоолугун салып:

- Садагаң кетейин, түсү ийгинден түңүлбө дейт, өңү-түсүңө бактың жарашып Төлөгөнүм экөөң аман-эсен болуп бактылуу өмүр сүргүлө! - деп бетинен өптү. Кошо келген туугандары ырым-жырымын жасап алып келгендерин беришти:

- Бул өз салтыбыз айланайын, тойуңарга кошкон кошумчаны эртең эл көзүнө көрсөтүп анан беребиз, - деди Төлөгөндүн апасы менен бир тууган иниси Жакыпбектин аялы Жүзүмгүл.

- Ооба айланайын, бактылуу болгула, өмүрүңөр узун, өрүшүңөр жайык болуп, кирген киреше көп болсун, бактыңар бийик, жегениңер кийик, айдаганыңар мал, ичкениңер бал, тапканыңар пайда, күткөнүңөр бала болуп, күмүштөн үй куруп бат эле бутуңардан туруп кеткиле, оомийин! - деп тамашакөй агаларынын бири алакан жая бата бергенде баары каткыра алакан жайды:

- Ой азамат, сонун бата болду, бата менен эл көгөрөт дегенди эсиңерге тутуп, батаны көп-көп алгыла, - Атасы Нурсейит инисине ыраазы боло коштоп койду. Ошентип шатыра-шатман күлкү менен тойдун башталышы көңүлдүү болуп, Аруукени улам караган жеңе-карындаштары: "аябай сулуу келин экен, билимдүү дагы экен, күйөөгө чыкканына караганда бир сыры бар, эки баласына карабаган неме Төлөгөнгө жакшы караса болду, сулуулугуна карап алып алган го?" дешип ар кимиси ойлонуп ал турсун өздөрүнчө эшикке чыкканда шыбыраша койуп атышты. Төлөгөн болсо Аруукени айылдыктарча жоолук салынып, узун халат кийин алганда ого бетер жакшынакай көрүнүп жарашып калганына көңүлү көтөрүлүп: "кандай сулуу аял алганымды көрүп алышсын" деп ойлоп өзүнчө курсант.

Той да өттү, тойго келгендер үй-үйлөрүнө тарашты, Төлөгөн менен Арууке ушул бактыларына карк болушуп, бири-бирин сыга кучактап диванда жатышты.

- Арууке, бактылуусуңбу жаным? - аймалай өпкүлөгөн Төлөгөн ага үңүлө сурады.

- Бактылуумун Төкө, мен укмуш бактылуумун! - эркелей мойунунан кучактай төшүнө башын жөлөдү, - Ыраазымын кудайга, сага жолуктурганына.

- Биз бактылуубуз, бактылуу болобуз, балалуу болсок бала багып сен үйдө болосуң, мен иштеп экөөңөрдү багам, көрөсүң го?

- Мен эне болуп бала багып отура берсем болду, сен келгенче тамак даярдап күтүп турам.

- Жаным менин, ак куум, сенин азыр койнумда жатканыңа ишенбей турам.

- Чын эле түшүң болсочу?

- Жок-жок өңүм эле болсун, сенден бир мүнөт ажырагым келбейт, - Жаңы үйлөнгөн жубайлар бири-бирине арзууларын айтып жеткире албай бактылуу мүнөттөрдүн кучагында уйкуга киришти.

Адам деги эле пенденин өзү бакыттын нак өзүн жакшы түшүнүүсү өтө кыйын. Арууке өзүнүн бактылуу экенин бактылуу кезинде сезбей жашоосунан адашып күнүмдүк гана бактысына ыраазы, ал алдында кандай өзгөрүү, кандай азап бар экенин билбеди, билгиси да келбеди. Төлөгөндүн кыялы өтө чатак, териси тар, анча-мынчаны аялга ээ кылбаган мүнөзү бар. Акырындап үйрөнүшө баштагандан кийин үйгө келген кишини жактырбай, Аруукени конок келгенде ашыкча шакылдаганына тыйуу салып, тамак-ашты да келген адамга өзү ченеп берген адаты башталды. Ага Арууке анча көңүл бурбаган менен кээде ага жини келчү болду.

1975-жыл

Кумарбек Аруукенин Закир менен жүрө баштагандан эле өзү окуткан институттун биринчи курсунун студенти Жайнагүлгө көзү түшүп, Аруукеден көңүлү муздай түшкөн. Анын баары бир кетээрин сезип, жаңы тапшырган күнү Жайнагүлгө жардам берген. Ошондон баштап астыртан кызга чалма таштай баштаган. Бир жолу кыз сабагынан үч алып калып деканга кирип баа койдуралбай жүргөнүн көрүп аны өзүнүн кабинетине чакырды. Анткени көпчүлүк студенттерге караганда такылдап экзаменде жакшы жооп берип жатканын көргөн эле. Жайнагүл кабинетине баш бакканда эле:

- Кир Касымбекова, эмне болду сага? - деди орун көрсөтө, - отур!

- Агай, мен экзаменден жакшы бааларды алганымды сиз билесиз, бирок өткөрбөй үч койушуптур, кайрадан экзаменге киргизбей жатат, - Жайнагүл ыйламсырап ийди.

- Эч кам санаба, сен жакшы тапшыргансың, билем, - деген Кумарбек ага жылмая көз жиберди, - Мен сүйлөшөйүн, эртең мага кел, жообун угасың.

- Рахмат агай, менин ордума бирөөнү киргизип ийди болуш керек, мен баары бир жөн койбойм, менин бааларым жакшы болчу, - Жайнагүл такылдай чыгып кеткен. Кумарбек текшерип көрүп анын ордуна атасын ээрчитип алып сагалап жүргөн Талипов Сагынды киргизгенин билди да, Жайнагүлдү өзүнүн ордуна койуп, Талиповду кулатып койду. Көрсө завкафедранын туугандары экен. Аны кайра дагы башка бирөөнүн ордуна киргизе койуп аны кулатып салышты. Айласы куруган бечара кыз эч нерсе дей албай ыйлаган бойдон чыгып кетти. Ошентип Жайнагүл эки жыл Кумарбектин көз алдында болду. Ал кыз Толкунга окшош эле, сабакка киргенде негедир Жайнагүлдү тиктей экөөнүн көздөрү чагылыша түшүп: "Мен эмне болуп атам, студенттер байкап калса эмне дейт" деп көзүн ала качып ал жакты карабаганга аракеттенчү болду. Бир жолу Жайнагүл кыска сарафан менен аппак кофта, бутуна сарафаны түстүү туфли кийип келиптир. Аны көргөн Кумарбек көпкө чейин нес болгондой аны карап ойлуу отуруп: "тобо-оо, ушундай да окшоштук болот экен ээ, эгер Толкун өлбөгөндө көрсөм ошолбу деп ойломокмун, жок-жок, өлбөгөндө ага сөзсүз үйлөнмөкмүн" деп отурса бир студент жетип келип:

- Агай, сизге эмне болду, ооруп калган жоксузбу? - деп колуна тийип ийгенде селт этип эсине келет:

- Эмне болду? - деп эки жагын карана жанындагы студентти караган эле.

- Агай, сиз өзүңүздү жоготуп койдуңуз, биз сизди карап турсак бир жерден теше тиктеп отура бердиңиз, коркуп кеттик, - деген ошондо.

Акыры Кумарбек Жайнагүлдүн атасы жок, апасынын жалгыз кызы экенин билди. Ага жардам бергиси келип кээде үйүнө барып апасына акчалай жардам бере койуп жүрдү. Жайнагүл биринчи жолу үйүнө өзү жокто барып апасына акча бергенин укканда уялып жүрдү. Анткени ал жаман айтып же уруша алмак эмес, ал болбосо окуудан кулап калышы айдан ачык болчу. Канча кыз-жигиттер сайрап турса да: "Кийинки жылга даярданып кел" деген шылтоо менен окууга өтпөй калышканы белгилүү: "Эмне үчүн ал бизге жардам берип жатат болду экен" деген ой басса-турса мээсин жечү болду. Экинчи курсту аяктап жатканда Кумарбек Жайнагүлдү өз кабинетине чакырып алды:

- Жайнагүл, окуулар кандай?

- Жакшы, агай, - кыз жер карап жооп берди.

- Азаматсың, мен сага бир сөз айтайын дедим эле…

- Ал кандай сөз?

- Бүгүн менин туулган күнүм, сен экөөбүз бирге басып келели.

- Агай…

- Эч коркпо, менден да, ушактан да, сен менден гана корк, себеби агайыңмын, сабагыңдан эки койуп койом! - Кумарбек тамашалай сүйлөдү, - Кана макулсуңбу?

- Мм, билбейм агай… - Жайнагүл эмне кылаарын билбей туруп эле калды: "Макул десем дароо эле макул болду, жеңил кыздардан окшойт деп ойлоор, жок десем ушундай жакшы адамдын көңүлүн оорутуп алам го?" деп буйдала жер карады.

- Жайнагүл, - Кумарбек ойлуу ордунан туруп жанына келди, - Билем, кыздар ушундай бир калксыңар, ички сырыңарды туйдурбаган, мен сени карындашым катары сунуштап отурам, өзүң бил, эгер каршы болбосоң түштөн кийин өзүң кетчү аялдамадан күтөм, бара бер! - деди да кала берди. Жайнагүл ойлуу чыгып кетти. Көп ойлонду да айткан убакта дал ошол аялдамадан ага байкатпай келгенин же келбегенин байкап көрүү үчүн акырын басып баратса Кумарбек аны күтүп машинадан чыгып турган экен. Аны көрө сала өзүн далдоого жашыра бергенде Кумарбек:

- Жайнагүл! - деп бери басты. Уялып кеткен кыз кызара басып барды.

- Келээриңди билгем, эмнеге жашынып атасың, отур машинага, - деди жылмая, Үндөбөстөн машинага отураар менен айдап жөнөдү. Улам күзгүдөн карап койуп бара жаткан Кумарбек ага: - Жайнагүл, кана өзүң айтчы, кайсы ресторанга баралы? - деди.

- Билбейм…

- Деги эмнени билесиң ыя чоң кыз, жигитиңден коркуп жатасыңбы?

- Жигитим деле жок.

- Койчу, кантип эле, ушу сендей сулуу кыздын жигити жок болсо… - Ал күзгүдөн жылмая караганда Жайнагүл экөөнүн көздөрү чагылыша түштү.

- Чын…

- Мейли анда, жүр экөөбүз бул жерге кирип тамактанып алалы, - деп машинасын токтотуп өзү түштү да, Жайнагүл отурган жактын эшигин ачып, - жүрүңүз чоң кыз, - деп колун сунду эле Жайнагүл колун бербей өзү жерге түшүп аны ээрчий басты.

Кумарбек тамактанып отуруп кыздын тартынып эки бети кызарып алдыдагы тамакты тартынып алып отурганын байкап тамагын жасай ордунан туруп ары бир нерсеге шылтоолоп басып кетти: "Али жаш, эми он тогузда болсо уялып жатат го, эх ушул татынакай кыз менин колуктум болуп калса гана" деп акырын арытан байкатпай карап туруп анан кайра басып келип ордуна отуруп кызды көздөй колун жаңсап:

- Жайнагүл, алсаң боло, уялбай эле тамактанып отурсаң, - деди эле кыз да жылмая:

- Агай ичтим, мен сиздин туулган күүңүзгө эч нерсе бере албаганыма уялып жатам, - деди.

- Ой койсоңчу чоң кыз, мен да студент болгом, түшүнөм, сенин ушул жерге келип бергениң эле мен үчүн чооң белек болду, - деген Кумарбек: "Мейли, зордук менен сүйдүрүүгө болбойт, азыр эрте, убакыт келээр, аз-аздан өзүмө тарт берейин" деп ойлоп, - Кана Жайнаш, дагы кайда алып барып ойнотуп келейин? - деди эле кыз чоочуп кетти:

- Жо-ок агай, мен үйгө эле кете берейинчи?

- Шаардын кооз, жакшы жерлерин көрсөтүп келейин дедим эле…

- Рахмат, сизге ыраазычылыгымды билдире албай жүргөн элем, ушу бүгүнкү күндөн пайдаланып айтып алайын… - Жайнагүл ыңгайсыздана колдорун ушалай отуруп анан, - сиз өткөндө апама барып бир топ жардам берипсиз, бирок… Бирок эмне үчүн, мага окшогон атасы жок кыздар, балдар толтура, ошолордун баарына жардам берээр белеңиз дегим келет.

- Ык-ыы, Жайнаш, мени жарга такадың го… Эмне үчүн дейсиңби, мен сени жактырып калдым, өмүр бойу сенин кызматыңда болууга даярмын, эгер менин сунушумду кабыл алсаң! - Кумарбек калп айтып будамалагысы келбеди: "Баары бир, эртеби-кечпи угушу керек, каршылык көрсөтүп менден качса зордойм" деп ойлоп түз эле ойун айта салганда Жайнагүл томсоруп, өңү бозоро түшүп, колундагы китептеринин түшүп кеткенин сезбей калды да чоочун жердеги чачылган китеп-дептерлерин жыйнап алып жүгүрүп кетти. Кумарбек турган ордунда көпкө дейре анын артынан карап туруп, жаңы эле жоготкон буйумун тапкан адамдай кубанычта эргип турган көңүлү чөгүп: "Аттиң, Толкунумду экинчи жолу жоготуп алдымбы" деп тура берди. Жүрөгү зырп этип кесип алган жараатка туз тийгендей ачышып кетти. Бир топтон кийин машинасын айдап үйүн көздөй жөнөдү. Көңүлү чөгүп келди. Атабек көптөн бери ооруп үйгө зорго кирип жүргөн. Анын жанына барып ал-абалын сурады:

- Таята кандай акыбал, ооруган жерлериңиз басылдыбы, дарыланып атасызбы?

- Ээ балам, дарыланганда-дарыланбаганда не, жетимишке таяп баратам, согуштун залдары, карылыктын жышанасы, мен эми силердин алдыңарда урмат-сый менен узап кетсем арман жок эле… - Атабек үшкүрүнүп алды.

- Койчу таята, неге антесиз, сиз али жашсыз, биздин, тиги чөбүрөңүз Керимбектин чайын ичиңиз да? - Кумарбек таятасына эркелегендей сакал-мурутун сылай, - өсүп кетиптир, алып берейинби? - деди.

- Жок уулум, тим эле кой, бир аз сергисем анан алып бересиң, андан көрө айтчы, таенең жокто сүйлөшөлү, качан үйлөнөйүн деп турасың?

- Таята, үйлөнгөндө эмне, балдарга жакшы карай турган чыгаар бекен…

- Жүрөксүбө балам, жүрөгүң каалаганды кыл, балдарды биз чоң ата, чоң энеси турат, карайбыз, өзүң каалагандай бирөөгө баш кош.

- Ой-ой таята, ойлонуп көрөйүн, - деп ойлоно отуруп калды: "Эгер Жайнагүл макул болбосо анда эч качан үйлөнбөйм" деген жүрөгүнүн тереңиндеги күптүсүн бир күрсүнө улутунуп чыгарып алгансыды.

Ошол күнү ал Жайнагүл окуган бөлүмгө сабак берүүгө кирди. Кире бергенде аппак кофтачан кыз көзүнө көрүндү. Астыртан анын кабак кашын байкагысы келип анын жүзү кызарып өзүн карай албай турганын сезди. Жайнагүл китептен башын көтөрбөй сабак бүткөнчө отура берди. Ал чынында бул жылдыздуу адамды көргөндө эле жактырып калганын кийин билди. Баарын таразалап көрүп, үйдөгү жалгыз өзүн тарбиялап өстүргөн оорукчан апасын аяп агайынын сунушуна макулдугун берүүгө чечим кылган эле. Кыз намысы бийик, назик болот эмеспи, ал эми өзү айтмак беле? Эгер Кумарбек дагы бир жолу сураса жообу даяр эле. Акыры сабактын акырында аны декан чакырып алды. Анткени ал ага көз артып жүргөн.

- Кел Жайнагүл, сени окууну начар окуп атат дешет ко, эмне, даярдык жакшы болбой атабы? - ал кирип келген кызга табышмактата сүйлөдү.

- Эмнеге агай, мен жакшы эле даярданып жатам, ким айтты? - таңгала карады.

- Мугалимдер, эгер бул темп менен жүрсөң экинчи курстан калып каласың!

- Агай, мен окуп эле жатам, башка кыздар киного барышса мен тырышып китеп окуп жанталашып атпайымбы?!

- Мен аны билбейм, эгер мен айткан сөзгө көнсөң ойноп-күлүп жүрүп эле окууну бүтүп кетесиң, бааларыңдын баарын беш койдуруп берем.

- Эмне дейсиз? - Жайнагүл деканды сынай, жийиркеничтүү карады.

- Сен мени менен бир жакка… тоого же ресторанга бирге барсаң айтам, - кытмыр жылмая ордунан туруп келип кыздын жолун тосту, - Кана макулсуңбу?

- Жок, андан көрө окубаса окубай эле койдум! - Жайнагүл эшикти көздөй басканда декан аны колдон алды:

- Кайда барасың, эшик илинүү, тоту куштай кулпунуп көздү күйгүздүң да тим эле, - ыржалаңдай анын колун кайрып өпкөнгө аракеттенгенде Жайнагүл:

- Бети жо-ок, сиз мени ким деп ойлоп атасыз, менин атамдай болуп туруп уялбайсызбы?! - чаңыра колун жулуп бошотуп сыртка чыга калганда Кумарбек менен беттеше түштү.

- Биякта эмне кылып жүрөсүң? - Ал декандын жаш кыздарга сугун артып көп кыздардын убалына калганын билчү. Азыр да Жайнагүлдү колго түшүрүүгө далбастап атканын дароо түшүндү. Ыйлап алган Жайнагүл жооп бербей жүгүрүп сыртка чыгып кетти. Кумарбек деканга атайы жумуш менен баратканын унутуп кайра артка жөнөп Жайнагүлдүн артынан ылдамдай басты. Ал ылдамдай басып кетип жаткан, Кумарбек эки жагын абайлай карап алды да:

- Касымбекова! - деп анын артынан чакырды эле жалт карай салган Жайнагүл токтосомбу, токтобосомбу дегендей басыгын жайлата калып артын дагы бир жолу карады да, өзүн көздөй келаткан Кумарбекти көрүп токтоп калды, - Жайнагүл сага эмне болду? - Жете келип эле сурады.

- Эч нерсе! - Жайнагүл эчтеке айткысы келбей жер карап туруп калганда Кумарбек аны эркелете сүйкүмдүү карады да:

- Сен башка бирөөгө капа болуп калсаң башкага да таарына бересиңби? - деди.

- Жок агай, мен сизге таарынган жокмун, кадыр-барктуу деген чоң адамдар баласындай немеге теңтуш болгусу келсе жиниң келет экен, - Ал зорго турган көз жашын көргөзбөй ары карап мөлт эттире агызып алды, - Мени экинчи курстан кулатканы атыптыр.

- Кимдер?

- Билбейм, мага макул болсоң мен сени жалаң бешке тапшыртам дейт.

- Бок жептир! - Жини келгенин жашыра албай сөгүнүп ийди Кумарбек.

- Мени кечирип койуңуз, жашыра албаганымды, - Жайнагүл ыңгайсыздана кызарып кетти, - Мен сизге эрээркеп эле…

- Эмнеге кечирим сурайсың, ошондой акмактарды калкалап болобу, керек болсо соттотуш керек!

- Койуңуз, өзүм зорго жүрүп жыландын куйругун баскым келбейт, ачууланбаңыз агай, ошондо эле мен окуумдан кете койомбу, ошентип баратса арызданчу убак келет, - Жайнагүл жанагы ызасы тарап эми агайын жалжылдай карады.

- Сени капа кылганын көрүп жиним келди, - Кумарбек кызды жанынан кетиргиси келбей бирге басты, - Жайнаш, бая күнү таарынган жоксуңбу?

- Эмнеге таарынмак элем, басып кеткеним үчүн сиз мага таарынбадыңызбы?

- Сага таарынбай калайын, кел бир жерден чай ичели, анан мен сени жеткирип келейин.

- Агай, мен үйгө кете берейинчи, апам күтүп калды, бүгүн эрте кел деди эле…

- Ма-акул анда, эртең сөзсүз сейилдеп келели ээ? - Кумарбек кыздын жүзүнө тике карап суроолуу тигилди. Кыз кыткылыктап жиберди:

- Оой агай бирөөлөр көрсө ушак кылышат, сизге дагы сөз тийип калып жүрбөсүн? - Наздана ары жылып ого бетер өзүнө тартып турган жамалын жайнатып жылмайды.

- Сен үчүн ушак эмес өлүмгө да башымды байлап берем!

- Ага-ай… - Жайнагүл ушул азыр өзүнөн он жаштай улуу окутуучусун элжирей карады, - Уялып жатам.

- Эмнеге уяласың, сүйлөшөбүз, ары-бери басабыз, чай ичебиз, анын эмнеси уят?

- Макул анда, мен кеттим! - Жайнагүл шарт бурула басып кетти. Бул жолу Кумарбек толкундана: "Менин кичинекей Толкунум, колума конуп берсең өмүр бойу ардактап өтөөр элем" деп машинасын көздөй басты.

Ошондон көп өтпөй эле экөөнүн үйлөнүү тойу өттү. Жайнагүл каршы болбоду, Кумарбек үйлөнгөндөн кийин Атабектин оорусу күчөп дарылардын, уколдун таасири тийбей алтымыш жети жашында оо дүйнө салды. Айымгүл эми чындап жашоодон көңүлү калып ого бетер карылыкка мойун сунду. Атабектин ашын бергенден кийин отуз жыл мурун такыр каттабай калган үйүнө көчүп келип алды. Барчынай менен Тобокел жакшы эле: "Жибербейбиз, жалгыз тамда эмне бар" дешсе болбоду. Ал ойунда: "Кумарбектин аялы дагы карыган кемпирди бакмак белем" деп кетип калат, балдарга жүгүмдү салбай өзүмчө эле жашайын деп болбой үйүн тазалатып, оңдотуп. Ага эми баары бир болуп калган: "Балдарымдан да Атабектен да ажырадым, эми мага бул жарыкчылыктан көрө тиги дүйнө артык деп өзү менен өзү кеңешип тура берчү болгон. Сейтек өлгөндөн кийин азыноолак малын коңшусуна тапшырып ошол бойдон алган да эмес. Ошолор кудайдан корктубу же адамдык абийири чыдатпадыбы, карыганда үй-жайына жалгыз келип күн кечире баштаган чүкөдөй кемпирдин эшигине музоолуу уй байлап берип эртели кеч каралашып атышты. Айымгүл: "кой айланайын, калган мал каралбаса өлүп деле калмак, өзүңөр мээнет кылып бактыңар, өлөөрдө көрүмө ала кетмек белем" десе болбой сиздин малыңыздан жамандык көргөн жокпуз, жугуму жакшы болду эне, жээрибизге эт, ичээрибизге сүт, кармаганга акча болду", деп баягы коңшу кемпирдин элүүлөргө барып калган баласы уйдун сүтүн саадырып берип, бала-чакасынан тамак-аш жөнөтүп карап турушат. Тобокел дагы жолдун алыстыгына карабай беш-алты же он күндө бир келип: "ооруп калбадыңызбы жарыктык, биз менен эле боло бербей" деп көрүп кетет.

Аккан суудай аркыраган убакыт байкалбай өтүп, Арууке жыл айланбай уул төрөп алды. Ал өтө меймандос, үйүнө коңшу-колоң же теңтуштары келсе деле жаркылдап чай койуп болгонун астына койот. Төлөгөндүн кабагына кар жаап андайда такыр эле өзгөрүлө түшөт да, баары кеткенден кийин Аруукенин мээсин жечү болду:

- Ой деги сарамжалдык кылууну билбейт экенсиң да, келген эле адамга дасторкон жая бербей "ооз тий" деп койсоң эмне болот?

- Төкө, анда болбой калбайбы, казан-аштуу, бардар үйбүлөдөй жашашабыз керек го, келген адамды кантип чай ич дебей койом?

- Чай ичпесе койсун, эшиктен эле кетирип жибер!

- Жок, мен анте албайм, чыдасаң ошо, чыдабасаң жок! - деп ары бурула бергенде Төлөгөн аны жетип көчүккө тээп калды. "Ай-ай" деп чаңыра жыгылып түшкөн Арууке ордунан тура калып:

- Сен эмне жинди болдуңбу? - деп көздөрүн чакчайта кыйкырганда Төлөгөн:

- Ооба, мен жиндимин, мындан ары экономдогонду үйрөнөсүң! - деген Төлөгөн сыртка чыгып кетти. Көмкөрөсүнөн жыгылып, бети жердеги кичинекей отургучка тийген экен, бет сөөгү томпойо түштү. Ал ыйлап отурганда баласы чукуранып калды. Ушул азыр үйдөн чыгып кеткиси келип турса да ата-энесинен тартынып кете албады: "Ушуну көрмөксүң, жакшынакай күйөөнү күтө албадың, өз убалың өзүңө" демек, аны айтпаса да түшүнүп турду. Төлөгөндүн кыял-жоругу ошондон кийин таптакыр өзгөрүлдү. Түн ичинде ичип келет, уктабай күтүп отурган аялын кекетип:

- Ийи, эмине уктабай отурасың, же ойношуңду жаңы кетирдиңби, ой энеңди, бала төрөп кыйратып койгонсуп, эриңди каратып туруп мени менен жүргөн сен менин көзүм бурулса соо болбойсуң го?

- Төлөгөн, бул эмнең ыя, сен мени бактылуу кылам дебедиң беле, эми минтип эки күндүн биринде урушуп турасың? - Арууке күйөөсүн алдай жаткырып койууну ойлоду эле ал босогодо турган бойдон:

- Эй жалап, сен мени эчтеме билбеген келесоо ойлойсуң го ээ? Менби, мен сенин баскан изиңе кароолчу койуп койгом! - деп сөөмөйүн кезей сүйлөп ыргалып атты.

- Деги эмне кыл дейсиң, бала менен кыйналып өзүм дагы ооруп жүргөндө кууратып ийдиң, кел эми тамак даяр, отуруп тамагыңды ич!

- Ичпейм, ойношуңдан калган немени, - Кычыланган Төлөгөн сыртка чыгып кетти, ошол бойдон таңга маал келип жатып калды. Бут серперге алы жок, кийим-кечеси ылай болуп келгенин көргөн Аруукенин жүрөгү сыздап: "ушундан көрө өлсөмчү, бактылуу болом деп азапты башыма үйдүм, мага чала" деп ботодой боздоп, уулун улам жыттап койуп өз кылган ишине өкүнүп жатты. Бирок азыр баары кеч эле: "Жоо кыядан өткөн соң кылычыңды бокко чап" дегендей, болоору болуп бойосу канып калган эле. Эртеси ойгонгон Төлөгөнгө Арууке:

- Төлөгөн, сен кайсы күйүтүңө же арманыңа ичип жүрөсүң, же мага үйлөнгөнүңө өкүнүп калдыңбы? - деп жалооруй сурады.

- Жок, андай дебе Арууке, мени кечирип кой, мас болуп калыптырмын, эмне дегенимди да билбейм, - деп башын мыкчый кечирим сураганда аялдык көтөрүмдүүлүгү энелик мээрими жеңип кетти белем, ага ишенип алды:

- Төкө, көп ичпей эле койчу, ичкиликтин зыянынан башка эч пайдасы жок экенин өзүң жакшы билесиң, жогорку билимиң бар, минтип иче берсең жумуштан да чыгып каласың.

- Экинчи ичпейм жаным, мага капа болбочу? - деп аялын имере кучактап өөп, - башым ооруп турат, жүз грамм ичип баш жазып албасам болбойт, - деп суранды эле, Арууке үйдөгү эле коноктордон калган бөтөлкөнүн түбүндөгү аракты куйуп келип берди.

- Үйдө бар беле? - Төлөгөн аялына таң кала карады.

- Баягыда коноктордон калган, мен деле билбей калыптырмын, кечээ көрүп калдым эле.

- Ийи, - деген Төлөгөн чыныга куйуп жутуп ийип ачууркана отуруп калды.

- Сенин ичкиликти ичкениң жаман, бара-бара көнүп кетсең эмне болот, балам экөөбүздү аясаң боло? - Арууке жумшак түшүндүрүүгө аракеттенди.

- Ичпейм, экинчи ичпейм, эми кичине эс алып жумушка барайын, бүгүн үчүнчү саатта кирем.

- Кичине жуунуп алчы, мен суу ысытайын, алдагы кебетең менен барсаң уят.

- Мен окшогон ичип баргандар толуп атпайбы, мен сабакка мас болуп кирбесем болду да? - Төлөгөн кичине шердене сүйлөп калды кайра, - Кел жуунса жуунуп алып барайын арак жыттанбай.

Арууке суу ысытып арыдан-бери башын жуудуруп таза кийимдерин кийгизип анан галстук тагып жөнөттү.

- Ичпе, ичпей келип бир балаңдын күлүп калганын көрүп бир жакшы жашайлычы Төлөгөн, ичпей кел ээ?

- Ий энең, мени жөн эле алкаштай көрүп аласың да? - Төлөгөн сөгүнө чыгып кетти. Анын артынан уулун көтөрүп ойлуу узата карап турду: "кудай аа-ай, эми ичип кетсе эмне күндү көрөм, уулумду көтөрүп алып ата-энеме барсам алар капа болушат го, кана менин сүйүүм, сүйүп сүйдүрүп жашайм деген ойумдун таш-талканын чыгабы?"

Төлөгөн ичкени азаймак турсун көбөйдү. Ичип келген сайын аялын уруп, жөндөн жөн эле кызганып ызылдатат да турат. Акыры тажап, көзүнүн жашы көл болгон Арууке үйдөн кетип калды. Тажикан эне эмеспи, ары айтып, бери айтып тилдеп дагы, урушуп дагы көрдү, акыры кызына боору ооруп сарсанаага батып кейип-кепчип отурду. Сайдимурат үндөбөдү, тек гана небересин бу-булаганына кубанып эркелетип отура берди. Көпкө чейин көз жашын көлдөтүп ыйлап атып бугу чыгып эс ала түштү белем, Арууке жашы кургап калгандай мостойуп калды. Көпкө чейин ата-энесиникинде жүрүп калды. Жарым ай дегенде Төлөгөн өзү келди, кайната-кайненесинен кечирим сурап: "ит болдум, куш болдум" деп сабылып отурду. Арууке да көктүгүнө салып чыгып жолукпай койду эле, аргасыз кетти. Бул алардын акыркы таарынышуусу эмес, мындан кийин далай жолу ушул көйгөйдү тартаарын Арууке сезип эле турду. Кумарбекти эстегенде дале аны күнөөлөп: "Акмак, менин өңү-түсүмө көңүл бурбаганынан ушуга бардым, болбосо балдарымдын жанында кайгысыз жашай бермекмин" деп улутунуп алды. Ар кайсыны ойлонуп отуруп баягыда кайнатасынын айтып жаткан алтынын эстеди: "сени шашпа, алтынды өзүң алып келип бере турган кылам" деп ойлонуп алды. Ошентип ал Кумарбектен өч алгысы келди. Эртеси эле бир курбусунун үйүнө барып анын түрмөдөн жаңы чыккан күйөөсүн жалдамак болду. Алардын үйү шаардын ичинде, бир бөлмөлүү этаж үйдөн. Адегенде курбусу менен сүйлөштү. Экөө кеңешип алып анан Тургунбайга айтты эле, ал:

- Эгер алтындын бар экени чын болсо аны таптырабыз, - деди. Үчөө өздөрүнчө отуруп кеңешип бүтүп, бул сөздү сыртка чыгарбоого макулдашышты. Ошондон көп өтпөй эле Кумарбек дайыны жок жоголуп кетти. Аны Тобокелдин издебеген жери калбады. Айласы кетип орган кызматкерлерине сүрөтүн берип издөө салышты. Тургунбай Кумарбекти кармап келип өзүн тааныбагандай кылып караңгы жерден гана сүйлөшөт, сабайт, бирок ал эч нерсе айта албады. Чынында ал эч нерсе билчү эмес. Дүнүйө-мүлк, кош-кош салынган үйлөр кайдан келип атканына кызыгып да койчу эмес. Жаны кейип ур-токмоктон кыйналганда алсыз гана:

- Менин жанымды алсаңар да эчтеке чыкпайт, эчтеме билбейм, мага ал жөнүндө эч ким айткан эмес, - деди үнүн пас чыгарып.

- Анда ким билет, силерде алтын бар экенин эл айтып жатат, жаш жаныңды кыйнап өлгүң келбесе чыныңды айтып кат жаз, үйүңө жөнөтөбүз, - деди.

- Кат жазып берейин, бирок алар жок нерсени кайдан табышат?

- Табат, аларга алтын керек!

- Болуптур, - оозундагы канды түкүрө башын көтөрдү, - Кана, алып келбейсиңби кагазыңды?

- Мына дапдаяр! - Турганбай анын колун бошотуп ручка-кагаз берди да белинен чымырата муздак түркүккө таңып салды. Колдору калчылдап баракка мындай деп жазды: "Ата, апа, менден кам санабагыла, мага баягы алтындан таятам койулган мүрзөгө алып барып бергиле, бирок милицияга билдирсеңер менден түңүлүп эле койсоңор болот, Кумарбек" деп колун койду да кармата салды. Тургунбай анын колдорун кайра таңды да чыгып кетти. Бир жумадан бери таңылып турганга колу-буту чымырап уйуй баштаган. Карды ач, муздак чай менен бөлкө нан берип койот. Ачкадан, сабаган жерлери ооруткандан улам тырп этерге алы жок шалак жыгылды.

Түн бир оокумда Турганбай катты Тобокелдин почта ящигине салып койуп кетип калды. Катты алган Тобокел эч кимге барбады: "Деги ушундан биротоло кутулайынчы, тукум курут кылып баратат, Кумарбекти аман бошотсо болду" деп ойлоп баягы куржундун көзүнөн алынган алтынды үйдөгүлөрү уктагандан кийин алып чыкты, аны көтөрүп зорго машинага салды. Кайра азгырыла ачып үстүндө турган кумура сымал уйутулган алтынды акырын алып үйгө шашып кирип өзүнүн бөлмөсүнө катып кайра чыкты: "Асел турмушка чыга турган болуп калды, ага сөзсүз комсомолдук той бергенде үй алып берип койом, себине, баарына жетет" деп ойлоду да барак алып кыскача кат жазды: "Уулумду аман-эсен кайтарып бергиле, бул баш жегич алтындан кутулганыма кубанам, ушул көр дүйнө үчүн дагы канчаңар набыт болоор экенсиңер, алтынга азгырылгандын арты жаман болчу эле?" деп жазып салып койду да мүрзөгө жеткенден кийин четке чөгө түшүп куран окуп анан өйдө болуп эки жагын караса эч ким көрүнбөдү: "Кумашты койо берсе болду, ушул кандуу байлыкка тойдум" деп ойлоп машинага отурду да жөнөп кетти. Анын баарын карап көрүп турган Тургунбай акырын жыла куржунду көрүп шашып-бушуп ачып жиберди да, эси оогондой туруп калды: "алтын жөнүндө укканым бар эле, бирок көрбөгөм" деп колун салып ар түрдүү уйутулган алтынды алып көрүп таңданып тура берди. Көптөн кийин гана эсине келе куржунду жонуна ыргытып көтөрмөк болуп күү менен булкканда козголбоду. Айласы кетип тээ алыста көрүнбөгөн жерге койуп койгон машинасын айдап келгени барайын дейт эмеле бирөө таап алып койо тургансып жерге жарык кирип баратканда куржундун үстүнө чөп таштап койуп машинасын айдап келмек болду.

Ойлогондой алтын колуна тийген күнү Арууке келип калган эле, оозу бекитилип, көзү таңылып, бут-колу таңылган Кумарбек: "Эми мени соо койо берсе болду, колдоруна тийгенден кийин койо бербесе ушул жерде чирип өлөмбү" деп ойлонуп жаткан. Бир кезде караңгы подвалга үчөө-төртөө кирип келгендей болду. Дабыштарына караганда "тык-тык" эткен туфлинин үнүнөн аялдар да бар окшойт деп ойлоду. Алар шыбырашып жатты.

- Мен муну тээ алыс жакка алып барып таштап үйүнө телефон чалып койом, өздөрү алып кетет, - деди Тургунбай. Беркилердин үнү шыбырап сүйлөгөндүктөн угулбады. Кумарбек эркектин үнүн өмүрү унутмак эмес, кулагына сиңип калгандай болду. Бирок өңүн көрө албады: "Эптеп аман кутулсам таап алам" деп ойлоду ал. Бирок ойлогондой болбоду. Арууке алтынды көрүп ичинен аябай ойлонду: "Эми булар мунун баарын алып, мага аз эле берип койушу мүмкүн" деген ойдо:

- Муну дароо үчкө бөлөлү, андан кийин мен силерди билбейм, силер мени билбейсиңер! - деп жиберди үнүн чыгара.

- Азыр койо тур, тигини жеткирип келейин, - деп бери басып келаткан дабыштан улам башын көтөрө калды Кумарбек: "жанагы аялдын үнү тааныш, кайдан уктум эле?" деп сезимдери уйгу-туйгу боло жүрөгү лакылдай кызыктай болуп, тигинин тез эле бошотушун самап атты. Тургунбай аны жеткирмек болуп аны тургузуп бутун чечип жетелей басканда, Арууке бир нерсеге чалынып жыгылып баратып "Аа-ай" деп кыйкырганда Кумарбек:

- Энеңди урайын, бул Аруукенин үнү го, баарын ушул кылган экен да?! - деп чыдай албай сөгүнүп жиберди эле, Тургунбай тык токтоду: "Бул аны таанып калды, ал аркылуу баары бир табат, же экөөнү тең жайлаш керек, же муну эле жайлап салсамбы?" деген ойдо кайра ордуна алып келип бутун таңып койуп тигилердин жанына барып шыбыраша кетти. Кылт эткенди тыңшап турган Кумарбек эми бул жерден тирүү чыкпасын сезди: "Каап, тигини тааныганымды билгизбей койсом эмине, бекер кылган экенмин, баары кеч болуп калды" деп заманасы куурулуп отура берди. Анда кыймылдоого мүмкүнчүлүк жок эле, чымырата таңылган колдорун чечүүгө аракет жасаган менен пайда чыкпады: "Ушинтип ажалым жеткен экен да, кайран өмүр, таятабыздын бул аманат казынасы бизге өлүмдү гана алып келгени жаман болду, казына… - оор улутунуп алды, үйүндөгү жаш алган аялын эстеди, - ага да кыйын… - деп ички сезими менен кеңешип алды, - байкушум десе, мага кыйын, жаштайымда өлүмгө баш ийип берген, айла канча, беш жыл койнумда жатып уул-кыз көргөн аял ушуну кылып жатса" деп ойлонуп, жадагалса оозунан өкүнүчтүн жалынын шуу дедирип чыгарууга жарабай башына тийген оор соккудан шылк эте көздөрүнөн жылт-жулт эткен учкун учуп барып караңгы дүйнөнү көздөй сапар тартты..

Тургунбай ойунда үчкө бөлгүсү келбей Аруукени да дал ушул подвалга жайлап койгусу келди, бирок жанында кошо жүргөн аялынан тартынды. Анткени аялы экөө сүйлөшүп жүрүп баш кошуп үч балалуу болгондо болоор болбостон камалып беш жылга отуруп келген. Үч баласы чоңойуп калды. Ошентип үчөө түн жамынып үч башка баштыкка оор нерсени салып алышты да, машина менен Аруукени үйүнө жеткирип койуп өздөрү кетишти. Кумарбектин башынан жайылып аккан кандын жытына подвалдын ар кайсы бурчунан "чыйп-чыйп" эткен келемиштер чыгып тегеректей үйүлө баштады…

Түнү бойу кирпик какпай Кумарбектин кирип келээрин күтүп жаткан Тобокел таңга маал көзү илинип кеткенин байкабады. Ал түш көрдү, түшүндө Атабек менен Кумарбек экөө шашып ээрчишип кетип атыптыр. Тобокел: "Кумаш, сен кайда барасың, бери кел!" десе, "Ата, аябай чарчадым, таятам мага жаш кезимдегидей жомок айтып берем дейт", деп жылмая басып кетти. Чоочуп ойгонгон Тобокел ордунан атып турду. Таң куланөөк болуп калган экен. Сыртка чыгып эки жакты карды: "Алтын керек болсо алсын, балам тирүү калса болду дебедим беле, оо жараткан, бул эмне деген тамашаң, мындай болоорун билгенде милицияга билдирбейт белем" деп үн чыгарбай өксүп ийди: "Соо эмес, аны таятасы эрчитип кетти, демек аны өлтүрүшкөн экен". Кайдан издеп, кимден сураарын билбей башы катып, эшигинин алдында ары-бери басып жүрө берди. Барчынай күйөөсүнүн тынчсызданганын сезип өзү да уктабай чыккан.

- Эмне болду ыя, Кумаштан дайын барбы? - деди.

- Кайдан, дайын жок!

- Олдо кудай ай, деги аман эле болсо болду эле. Эми кантебиз, милицияга берсең боло? - деди күйөөсүн үмүттөнө карап, - ошолор жардам берет эле…

- Кайдан, алар деле табышы кыйын го? - деген Тобокел, түндө көргөн түшүн айта албай турду.

Кумарбектин денеси эч ким билбеген подвалда кызыл жаян болуп келемиштердин жемине айланып жатты. Ал подвалга ошол сойуздун учурунда эле эч ким кирчү эмес, кээ бир үнсүз, арак ичип алып үй жайынан безгендер гана ооз жагында жатып калбаса, төрүнө эч ким барчу деле эмес. Ошентип ал дайынсыз бойдон калды.

Арууке бөлүп алган алтынды эртең менен эрте үйүнө алып келип алаңдай ата-энеси тура электе сарайга киргизип жыйылган майда-чүйдө жыгачтардын ары жагына койуп үстүн жаап салды. Жүрөгү бир башкача лакылдаган Арууке өзүн токтото муздак суудан ичип алып анан үйгө кирди. Сайдимурат эрте туруп кызынын түндөп үйүнө келбегенине ачуусу келе бир акырая карап алды да, сыртка чыгып кетти. Баласы ыйлап түнү бойу аларды кыйнап чыккан. Тажикан Аруукени көрүп:

- Ыя ботом, сени кудай уруп бузулган окшойсуң, күйөөсү бар аял, баласы бар эне кантип талаалап жүрсүн? Сени Төлөгөн дагы өлтүрүп койбогонуна шүгүр, күнөөнүн баары өзүңдө тура! - деди ачуулана.

- Апа… апа, мен…

- Болду, дагы акмактанганы жатасыңбы? - аны сүйлөтпөй сыртка чыгып ажаткананы көздөй басты.

Бул алтындын көйгөйү дагы уланаары шексиз, анткени аны Арууке катып жүрө алмак эмес, аны пайдалана билбесе башына балээ экенин түшүнбөгөн келин ата-энесинин урушканына кайыл болуп: "Менин кандай байлык таап келгенимди көрсөңөр мени урушпайт элеңер, эртең эле алмаштырып туруп өзүмчө үй алып, балам экөөбүз бөлүнүп кетебиз" деген ойдо түнү бойу эмчек эмбей, жаңы гана сүт ичип уктап жаткан уулуна эмчегин сала жанына кыңкая кетти.

Кумарбектин дайынсыз жоголгонун уккан Айымгүл Тобокел менен Барчынай барганда угуп эмшиңдеп ыйлап атты. Ал азыр сөз айтууга дарманы жетпеди. Эмне демек, күлгүндөй курагында атасынын тилин албай, анын кулунун баласы менен качып кетип, акыры ал кызын кечирип, жалгыз уулу менен кызына болгон казынасын таштап кеткенде ага өмүр бойу азап менен тозокту бергендей гана болду. Ошол телмирип ойлуу отурган бойдон Айымгүл эне көз жумуп кете берди. Ооба, тагдырдын буйругун аткарбаска, көрбөскө аргасы жок бечара пендебиз да. Эмки чыгарма Аруукенин тагдыры жөнүндө болмокчу…

- Ошентип, бул чуулгандуу алтындын айынан Айымгүл кароосуз калган. Неберелери да калган жок. Кийинкилерин жакшы билбейм кызым, бул жыйырма жыл мурун болуп өткөн окуя, - деп таенем кеп салып берген эле. Андан бери жыйырма жылдан ашты. Аруукенин көргөн азап тозогун кийинки китептен кеп кылалы.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз