Айгүл ШАРШЕН


"Намыс"


- Соно, менден качпа, мен сенин күйөөң болом да?

- Кел, жаталы.

- Койчу, апам менен эле жатам.

- Эмнеге, эми мени менен жатасың. - Субанаалы аны өзүнө имере тартып кучактаганда Соно аны түртүп, өзү ары жылып кетти.

- Кет азыр, кетип калыңыз!

Көздөрүндө мөлтүлдөгөн жаш. Анын ушул турушун айтып берүү кыйын эле, ыза менен бирге кимдир бирөөгө кек кайнап турган. Бирок жаш кыз турса баралына жетип болуп-толуп турган жигит тынчып турмак кайда, эптеп көндүрмөк болуп жатканда жеңеси Тотукан кирип келди да, кызды ой-боюна койбой чечиндирип төшөккө алып келип:

- Соно, сен эми бул баланын колуктусусуң, качпай жүр макулбу, бардык кыздар ушинтип эле күйөөгө тиет, мен деле ушинтип келин болгом, жата гой, - деп жумшак сүйлөп бетинен өбө жылып берди да чыгып кетти.

Акактай жаш кыз, секелегинде күйөөнүн койнунда аялдык милдетин аткарып, келин деген атка конду. Ыйлап-ыйлап соолугуп уктап калды. Жанында жаш балтыркандай солкулдаган, эне сүтү оозунан кете элек кыздын көз жашын Субанаалы ойлогон да жок. Кучактап жатып корстон болду. Эртеси төшөктү текшерип, жеңеси көрүндүк доолашып жатты:

- Кудагый-куда, келиниңер эркек төрөдү, көрүндүк бериңиздер!

- Болсун айланайын, болсун, көрүндүгүңө бир тай, - деди Кубанаалы сакалын сылай сөөлөт менен.

- Болсун, болсун кудагый, келиним эми баламдын үйүн толтуруп, убай-чубай уул-кыз төрөй берсин!

Арзымбү Сононун жеңесине ыраазы боло кубанычын жашыралбай кийит кийгизип, дасторконун кенен жайып, кайрадан кой союп коноктоп, кетээринде тай жетелетип, кыздын жеңеси кубанычтуу кайтты. Алар кыздын кийинки жашоосуна, тагдырына кайдыгер, тээ алмустактан келе жаткан кыргыздын салтын кубаттап, бактылуу болушун каалашты. Бирок кыз жүрөгү музга айланды, Субанаалыны көрөйүн деген көзү жок, апасы эптеп артынан көшөгөсүн жөнөткөндө ыйлап-сыктады эле атасынын: "Кайрылып эшигимди аттабасын, күйөөдөн чыгып келсе кызым деп жүзүн карабайм", деп айттырып ийгенинен улам апасынын бир тууган таежеси тыйып кетти. Ошентип бир үйдүн келини болуп жүрүп күйөөсүн жактырбай койнуна жатканда ары карап көргүсү келбей кээде бечара токмок жечү да болду. Кээде Субанаалы анын жаштыгына карап тим койчу. Бирок күндө сууга барганда ыйлап-ыйлап алып эптеп бир ай өттү. Апасы Толкун өзү кызынын абалын бир көрүп келүүгө келди да боздоп ыйлаган кызына боору ооруп үйүнө келгенде күйөөсүнө кыңкыстады. Ошол кезде Токтогул туугандары менен байланышып, Талас жергесине көчкөнү жаткан. Аргасыз аялынын айтканын угуп, салмактап көрдү да, Сонону ала кетмек болуп чакыртып алды да Субанаалы кеткенден кийин Кетмен-Төбөдөн өз элине көчүп кетти. Соно күн өткөн сайын бою өсүп, суйсалган кыз болуп баратты, ал чоңоюп эсине кирген сайын өзүнүн кордолгон жаштыгына ызаланып, атасына нааразы болуп жүрдү. Элине келип, туугандарынын арасына орун алгандан кийин Соного көзү түшкөндөр көбөйдү. Соно болсо, ошол айылдан Жакшыбек деген жигит менен таанышып сүйлөшүп калды, Жакшыбек жетим бала, бир аял алып ажырашып, бир баласы бар экен. Таластын Кара-Коюн деген колхозунда жашап калышты. Ыдырыс уулу Жакшыбек менен Сононун ошондогу сүйүүсү кылымдарды карыткан дастан, поэма, жомок сыяктуу айтылып бүтпөй турган тунук махабат эле…

Соно дагы ата-энесинен жашырынып суу боюна барып, андан ары экөө жетелешип алып, адыр-түздүн жадыраган сулуулугуна суктанып, гүл терип кубалашып ойногондо тирүүлүктүн эң сонун керемети өздөрү үчүн гана берилгендей бул дүйнөнүн ашуусу бийик тоосундагы улар менен тең жарышып жашоодо өмүр менен өлүмдүн, кошулуу менен ажырашуунун бар экенин эске албай өксүк дегенди жокко чыгарып кумардан чыгып чер жазышаар эле.

- Соно, - деди бир күнү Жакшыбек. - Биз эч качан ажырабайбыз ээ? - деп Сонону кучагына кысып туруп.

- Эч качан, мен сенден ажыраган күнү өлүп калам, - Соно жигитке ого бетер кынала көздөрүн моймолжутту.

- Соно..

- Ии-ии.

- Мен сени жанымдан да артык көрөм.

- Мен дагы.


- Жаным, экөөбүз баш кошсок абдан бактылуу жашайбыз, анан кө-өп балалуу болобуз ээ?

- Албетте бактылуу болобуз, - Соно жигиттин ийнине башын жөлөп алып улутунуп алды, - Мен сага таза бойдон бара албаганыма өкүнөм, күйөөгө тийип чыкканыма атам гана күнөөлүү… - Муңая түштү келин.

- Эч кабатыр болбо жаным, мен сага жолугуп калганым үчүн бактылуу болуп турам, - Жакшыбек келинди саамайынан сылай жыттап койду, - Биз баш кошобуз, балдарыбызды чоңойтуп өстүрөбүз.

- Алтыным, сага ыраазымын.

- Соно.

- Ии-ии.

- Качан макул болосуң, мен тез эле үйлөнгүм келип жатат, ата-энеңдин алдына агамдар келсинби?

- Азырынча болбойт, атам мага нааразы, күйөөдөн чыккан ал үчүн абдан уят экен, намысымды түшүрдүң дейт, - Жер карай сүйлөдү Соно.

- Эмнеге, көңүлүңө жакпаган адам менен түбөлүккө кантип жашамак элең, сүйүү болбосо жашоо кантип болсун?

- Мен өтө жаш болсом да аны менен жашагым келбеди, жаштыгыма карабай күйөөгө бергенине капаланам, - деди Соно.

Экөө көпкө чейин сүйлөшүп турушту, дал ушул күнү атасы Токтогул атчан келе жатып, Сононун бейтааныш жигит менен турганын көрүп ачуулана үйүнө келип Толкунга кыйкырды:

- Кызыңды тыйбайсыңбы, ким менен сүйлөшүп жүрөт? Элге журтка кеп кылып, эркек менен турганы эмнеси, бүгүндөн баштап үйдөн чыкса жыга чабам, айтып кой тынч жүрсүн!

- Ачуулана бербечи эми, жаш кыз болсо сүйлөшсө сүйлөшүп койгондур, же бирдемени сурап тургандыр, - Толкун күйөөсүнө токтоо жооп берди, - Өз эркине койбой күйөөгө бердиң, жаш неме өз теңин тапсын да, үйдөн чыкпаса күйөөгө кайдан тиет?

- Күйөөнү өзүм табам!

- Өзүң тапканың ошолбу, баланын көз жашына карабай сыздаттың, - Ушул жолу Толкун күйөөсүнө сөз бербей кызынын таламын талашып жатты, - Эрте күйөөгө берип, окуй албай да калды.

- Окуп чилистен болмок беле?

- Жок дегенде кат таанып калат эле да.

- Тааныбаса койсун, айтканым айткан, бүгүндөн тартып үйдөн чыкса өз колум менен өлтүрөм!

Токтогул ачуулана эшикке чыгып кетти. Толкун ойлуу телмире отуруп калды. Чыгып бараткан атасынын алдынан чыга калган Сонону акшыя бир карап алган Токтогул басып кетти. Энесинен угаар деп ойлоду ал, ачуусу тарагыча басып жүрүп. Соно үйгө кирип келип апасына бир сөз айтмакка камданып калганда Толкун аны сүйлөтпөй:

- Атаңа жолуктуңбу? - деди.

- Ооба, эмне болду, апа?

- Ким менен сүйлөшүп турдуң эле, көрүп калыптыр…

- Чын элеби? - Сононун өңү бозоро түштү.

- Менин калп айтканымды көрдүң беле?

- Кечирип койчу, апа, - Соно ушинтти да отуруп калды.

Эне бала үндөбөй карашып калышты, эне сезди кызынын көздөрүндө улуу сүйүү турганын, жүрөгү зырп этип алды: "Каралдым ай, тилегиңе жетсең экен, атаң кайда бармак эле, акыры көнөт да, бактылуу эле болсоң болду", деп ойлонуп алды. Бирок ошол эле учурда Жакшыбек үйүнө келип, эң улуу ага-жеңесине сөз баштады:

- Байке, үйлөн деп эле жаттыңар эле, мен таптым, эми качан үйлөнөйүн?

- Оо азамат, үйлөнсөң үйлөн да, качан алып келесиң? - Багышбек инисин мулуңдай карап жооп күттү.

- Байке, Токтогулдун кызы, сүйлөшүп койдум, өзүңүз барып, ата-энеси менен сүйлөшсөңүз болот.

- Ай бала, - жеңеси Буудайбек Жакшыбекти ормое карады, - Токтогулдун эрден чыккан кызынбы?

- Эрден чыкса эмне экен, жеңе? Мен жактырып калдым, экөөбүз сүйлөшүп жүрөбүз. Жеңе, коюңузчу эми, макул деп эле койсоңуз, - Жакшыбек жеңесине жагалдана күлүп жанына барды, - Абысын болот да, жеңе, туурабы?

- Эгер аны алам десең мен таптаза каршымын, эжелериңе айтамын, сага аялды өзүбүз табабыз.

- Мен андан башканы албайм!

- Анда ошонуң менен каалаган жакка бара бер! - деп Багышбек дагы аялынын сөзүнө кошулганда Жакшыбектин аргасы кетип:

- Байке, эмнеге каршы чыгып жатасыңар, өмүрүмдө өз каалаганыма баш кошсом жаманбы? - деди агасын карап, - Эгерде ата-энем болсо деле укмак сөзүмдү, тилимди алмак, байкуш балам бактылуу болсун демек…

- Көп сөздү кой үкөм, андан көрө жеңеңдин тапканын көр, ал сага жагып калышы мүмкүн, колунда бар кишинин кызы дейт, Токтогулдун колунда жок, аны эмне кыласың, сени эмес өздөрү тойбогон немелер.

- Тойбосо койсун, биз Соно экөөбүз бактылуу жашайбыз, мен аны сүйөм байке, уктуңузбу, сүйөм! - деп Жакшыбек ордунан туруп эшикке чыгып кетти.

Талашып-тартышып бир пикирге келе албай Жакшыбек ага-жеңесине таарынып Соного жолугуу үчүн анын үйүн акмаласа да ага жолуга албады. Бул ортодо ачууланган Токтогул өз чечими менен кызын Кененбайдын уулу Кубанычбекке бермек болуп, сөз бекитип, Сонону үйдөн чыгарбай кайтарууга алып күйөөгө берүүгө камынып жаткан. Соно көз жашын төккөндөн башка эчтеке кыла албады. Аргасы кеткен Жакшыбек бир жеңесине жолугуп, чындыкты айтып жан үрөп түшүндүрмөк болду эле, ал:

- Менин колумдан эчтеке келбейт, кайнагам абдан ачуулуу киши, кызды такыр чыгарбагыла деп жатат, - деди.

- Жеңе, жардам бериңиз бизге, биз бири-бирибизди сүйөбүз, Сонону экинчи жолу бактысыз болуусуна жол бербейм, аны алып кетем.

- Жок, андай болбойт, сөздөрү бүтүп калды, эртең кызды алып кетишет, - Сулуукан анын айтканына көнбөдү.

- Кудай жалгагыр бизди бөлбөгүлө жеңе, мен Сонону сүйөм, жакшы көрөм, болбосо ата-энесине өзүм жолугам, - Жакшыбек Сулууканга жалдырай карады, - Бир эле жолу жолуктуруп койсоңуз, өзүнө бир жолугайын.

- Болуптур, мен силерди карап турам, алыс кетпей ушул жерден сүйлөшүп, кайра кетесиң, - деди Сулуукан аргасы кете жигитке боору ооруй үйдү карай басып баратып.

Көп өтпөй эле Сулуукан Сонону ээрчите жыла басып жетип келди. Эки жаш бири-бирин кучактап, сагынычы тарагыча ооздорунан сөз чыкпай турушту, тээ бир топтон кийин гана Жакшыбек аста шыбырады:

- Сонун, качып кетпейлиби?

- Кантип?

- Кетип калалычы, эч ким табылбас жакка, алыс жакка кетип калалычы, макул деп койчу.

- Болбойт, атам ага көнбөйт, ал экөөбүздү таап алат да өлтүрөт.

- Ошончолук каардуубу?

- Ооба.

- Неге өз баласынын бактылуу болушун каалабайт?

- Билбейм, балким мени бактылуу кылам деген ойдодур…

- Кантип, сен өзүң сүйбөгөн адам менен бактылуу болмок белең?

- Атамдын түшүнүгү ошондойдур, мен башканы сүйөм деп а йтуу менин колумдан келеби, эрким жетеби, кыз байкуш ошондой эрксиз, аргасыз жан турбайбызбы? - Келиндин көзүнөн жаш төгүлүп турду.

Ал ушу кезде не кылаарын билбеди, аргасыз капаска түшкөн чымчыктай эт жүрөгү тыпырап жатты, кетип калайын дейт ага чыдабайт, акыры:

- Жакшы, үйүңө эле алып барчы, атам аерден алып кете албайт, элиң бардыр, ошолордон батынып, мага эчтеке дебей калтырып коер, - деди.

- Үйдөгүлөргө сүйлөшөйүн…

- Анда эртең ушул маалда өзүм чыгам, жеңем билбесин.

- Болуптур. - Жакшыбек так жооп айта албады, агасы менен жеңесинин каршылыгын келинге билдирүү кыйынга турду.

Арсар жооп менен экөө эки жакка бөлүндү. Келиндин көңүлү тына түшкөндөй болду, сүйгөнүнө ишенди. Өзүн бактылуу сезип, жеңесин байкамаксан боло өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти. Жакшыбек үйүнө келип төшөгүнө жата кетти, эмне арга кылаарын билбей ойлонуп жатты. Бирок эч кандай арга табалбасын сезди. Түнү бою ой-санаанын кучагында уйкусу качып жатып эртең менен башы ооруп зорго турду. Анын түрүн көргөн агасы Багышбек аны ормое карады:

- Түнү бою уктабай кайда жүрдүң, түрүң эмне болгон?

- Силер ушуну кааладыңар беле, эми менден үмүт үзүп кое бергиле, Сонону Кубанычбекке алып бергени жатыптыр, мен бул айылда жүрө албайм, кетем!

- Жакшы болуптур, тийсе тиет да, сен дагы үйлөн, эмнеси бар экен? - Жеңеси ашкана тамдан келатып үн катты.

- Силердин максатыңар орундалды, мени өз сүйгөнүмдөн ажыраткыңар келди эле, мен силер үчүн адам эмесмин да, - Эшикти көздөй кадам таштаганда:

- Отур! - деди агасы, - Бир аял үчүн өзүңдү таштап салгың келип жатабы, кайдагы бир неме сага Айчүрөктөй көрүнүп калган го?

- Ооба байке, мен аны сүйөм, сен сүйүүнү билбесең ошентесиң да, эгер сүйүп көрсөң минтпейт болчусуң, - деди Жакшыбек токтой калып, - Жүрөгүң жок!

- Эмне, эмне дедиң ыя?! - Багышбек туруп анын жанына келип Жакшыбекти карыдан тартып өзүнө каратты. - Эмне дедиң, мен сүйүүнү билбеймби?

- Билсең, сүйүп көрсөң мени түшүнөт элең, каршы болмок эмессиң! - деди да Жакшыбек чыгып кетти.

- Акмактын баласынын айтканын кара, сүйүп көргөн эмессиң деп… - Багышбек туталана жини келгенинен жаактары түйүлө, үйдүн ичинде ары-бери басты. - Ооба, туура айтасың, менде жүрөк жок…

- Эмне болуп кетти, ошол иниңдин кыял-жоругун билип туруп туталана бересиңби, болду эми чайыңды ичип ал, - деген Буудайбекти ал кагып жиберди.

- Иче бер өзүң!

- Эмне, жиниңди менден чыгарасыңбы? - Аялы аны акырая карап сүйлөнүп кирди. - Жүрөгү жок дегенге капаланып жатканыңды билем, Даткайым үчүн жинди боло жаздаганыңды ал кайдан билмек эле, ооба ал билбейт, ал эми мен эң сонун билем…

- Билсең ошол, бежиребей тилиңди тый!

- Болду эми, сен үчүн деле бирөөнүн жанын үрөп жашап жүргөн аялды түшүн, балдар турат, менин күнөөм кайсы? - Буудайбек телмире ыйлагысы келип ызалана отуруп калды.

Багышбек эшикке чыгып кетти. Сыртта көпкө басып жүрдү: "Ооба, мен акмакмын, жүрөгүм жок, сүйүп көргөн эмесмин", деп алды да, өз башынан өткөндөрүн ойлонуп жатты, көз алдынан жыйырма жыл мурун өткөн окуя чубуруп өтө баштады…

Багышбек он сегизге толуп, баралына келип турганда, ата-энеси кубанычтын койнунда уулуна айылдан кыз издештирип калды. Колунда бар болуп, өтө бай болбосо дагы орто чарба эле. Ыдырыс өз оокатына тың, мээнеткеч адам болчу, аялы Аккүл өзүнө төп келген жар, экөө ынтымактуу жыйырма беш жыл жашап, эки уул, үч кыздуу болушкан. Эң улуусу Багышбекти үйлөнтөбүз деп, бар тапканын жыйып, камына баштаганына көп болгон. Анан капысынан Багышбек Даткайымга айылдагы чоң тойдо жолугуп калды. Экөө эки-үч жолу жолугушуп, бири-бирин сүйүп калды. Колунда бар кишинин карегиндей сактаган жалгыз кызы болгондуктан Даткайым ар убак үкү тебетей кийип, үлүбүрөп аппак кош этек көйнөк кийип жүрчү. Ата-энесине айтып келгенде Ыдырыс:

- Уулум, Арстанбек бизди теңине алаар бекен, бу чөлкөмдүн бай адамы, кызын береби бизге? - деди жаны кейигендей.

- Ата, бир барып алдынан өтүп көрүңүз, болбосо Даткайымды ала качып алам.

- Ой бала, сен соосуңбу, сен ала качып алганда соо коебу сени, бизди көпкөн инилери чаап кетпейби? - Үрпөңдөй карады Аккүл.

- Чаап албайт, Даткайым өзү жооп берет, - деди Багышбек ишенимдүү. - Биз бири-бирибизсиз жашай албайбыз.

- Кудай билет, - деп үңкүйдү апасы.

- Тобокел, кыз сендик болсо Арстанбектин эшигине коркпой эле барам, тиги Абыш байкеңди чакыр, бир бээни жетелеп алып куда түшүп баралы, - деп Ыдырыс тобокел кыла уулуна дем берди.

Ошонун эртеси Абыш, айыл кадырманы Кулубай менен Ыдырыс болуп Арстанбектин эшигинин алдына бир бээ, бир музоолуу уй, он кой кылып айдап барып, Даткайымга куда түшүштү. Арстанбек аргасыз кызынын көңүлү үчүн макулдугун берди. Анткени күпүлдөп келгендерди кайрымак болгондо, эрке кыз чыга калып:

- Ата, мени бала ордуна асырап отурасыз, арманым кыз болуп калганым, кыз өмүр бою ата-эненин төрүндө жүрбөйт экен, эгер ушул келген адамдардын назарын сындырсаң, анда мен түбөлүк төрүңдө калам! - деди тастая.

Арстанбек кызын бир карап алып үйүнө кирип:

- Киргиз тигилерди, - деп аялына кайрылды.

Ошентип аргасыз томаякка куда болмок болуп, күркүрөгөн күздө той берип, кызын узатмакка сөз берди. Адам баласынын саат сайын өзгөрүлүп турчу тагдыр жолу эч кимисине белгисиз эмеспи. Ыдырыс капысынан ооруп көз жумду, анын кырк ашын бере электе эле Аккүл кете берди, төрт жетим кала берди, ошондо Жакшыбек беш гана жашта болчу. Эки кызы удаа бойго жетип калган эле. Кийинки жылы күзүндө Багышбек атасынын бир тууганы Абыш болуп келинди алып кетүүгө барганда, Арстанбек кызын бербей койду:

- Силерге эми кыз бербейм, кара жолтойсуңар, ата-энеңерди жутуп алдыңар, кызым топ жетимди бакканга барбайт.

- Ата, кантсе да бата бар эмеспи? - деди Даткайым.

- Бата нике эмес кызым, бузуп койсо болот, сени эми ал үйдүн босогосун аттатпайм!

- Мен анда өзүмдү-өзүм өлтүрөм! - деп Даткайым атасын коркутмак болду, бирок ага жеңеси менен апасын кайтартып, өлүүгө мүмкүнчүлүк бербеди.

Көп өтпөй эч кимге кеңешпей Арстанбек аны ич арадан сүйлөшүп, өзүнүн тааныш теңтушунун баласына ала качтырып ийди. Ыйлап-сыктап отурбай жулунганына карабай аны отургузуп коюшту. Ботодой боздогон Даткайым өз атасын каргап кала берди. Багышбек достору менен барып алып кетмек болгондо, эки жаат болуп чабышып, ортодо башы жарылып, буту-колдору сынгандар болду, акыры бул урушту айыл аксакалдары зорго тыйып тынчтандырды. Ошентип Багышбек Даткайымдан айрылып кала берген. Инисине боору ооруган Абыш Арстанбекке айыл аксакалдарын салып атып берген малын толугу менен алды да, ушул Буудайбекти алып берген. Багышбектин эки уул, бир кызы бар, улуусу он бешке чыгып калган. Буудайбек Даткайым экөөнүн жомогун өз көзү менен көрүп-билген кыз болсо да, жигиттин гүлү Багышбектин жары болгонуна ыраазы болуп жашап келет, бир айылдан болгондуктан Даткайымды Багышбек анда-мында көрүп калат, күйөөсү кызыл камчы. Атасы Арстанбектин көзү өткөндөн кийин уруп-сабаганы көбөйгөн, бир кызы бар, башка төрөгөн жок. Баягы келишкен келбети жок, айдай жүзүнө так түшүп, убагынан эрте бырыш түшүп, басмырт болуп да кеткен. Аны көргөн сайын Багышбектин жүрөгү жүз жеринен тилингендей сайгылашканын ким билет, ушул Жакшыбек билеби аны?

Ушуларды ойлонуп алып, Багышбек оор күрсүнө тоо тарапты бир карап алды. Анткени Даткайым ушул учурда күйөөсүнөн ажырашып, ата-энесинин үйүндө турчу, кызын алып калып Жолоочу башка аял алып алган, үч балалуу болуп жашап жатат. Багышбек Жолоочуну абдан жек көрөт, кээде Даткайымды бактысыз кылганы үчүн аны өлтүрүп койгусу келсе да, өзүн-өзү токтотуп келет. Кыркка чыгып, балдары чоңоюп калгандыктан, ал ак никелүү аялына кара санагысы келбей ичтен сызып, зорго жүргөндө Жакшыбектин жүрөк көзөй айткан сөзү анын зээнин кейитти: "Асылым ай, карааныңа зар болуп мен мында, жалгыз караан сен анда, тагдырың түшкүр, мынча таш боор болбосо кантет, сагынычым ашып жатса да аргасызмын, арабыз жакын туруп эң алыспыз, асылым сени аябай сагындым, сага жолугуп өзөктү өрттөп келаткан өкүнүчүмдү айтып бугумду чыгарып алсам ээ, жыпар жыттанган жытыңдан искеп, апакай жүзүңдөн кумарым канганча өөп, кучагыма көз ирмемчелик убакытка кысып алсам арманым жок эле, ээ?" деп ойлоп жолго чыгып эки жакты карады. Ал азыр турмушунда андан да оор азап алдында турганын сезбеди…

- Ой Багыш, кирип бирдеме ичип алсаң боло? - деди Буудайбек аңгыча артынан чыгып.

- Жүрөккө эчтеке баспай турат.

- Иниң кайда кетиптир?

- Кайдан билем?

- Дегеле бул жашоодогу бактылуу жан экенсиңер, сен дагы унутулгус сүйүүнүн кулу болуп, билгизбей жашап келесиң, иниң болсо андан башканы сүйбөйм да, албайм дейт, экөөңө эле сүйүүнү баалап берген го? - Буудайбек ызасын чыгаралбай атайын тийише сүйлөдү. - Теги бала болуп сүйүү деген эмне экенин билбей эле жашап келатам.

- Жаагыңды басчы!

- Бастым мына, жок дегенде орозоңду ачып албайсыңбы, орозо боло электе орозо кармабай.

- Өзүң иче бер да, мен жайлоодогу Сагынбай абага жолугуп келейин.

- Өзүң билчи, - Буудайбек үйгө кирип баратып, - Эптеп шылтоо таап, Даткайымга жолуккусу келип калган го, деги ошону эми алып алсаң да, көңүлүм айттагыдай!

Мунусун Багышбек укса да укмаксан болуп, ары жакка басып кетип баратып: "Алса алып алам, эмне болуптур?! Жаштыгымда жалындап сүйдүм, жалбарып жетпедим, өмүрүм ортолоп калганда көңүл көксөөсүн аткаруу күнөө эместир, жараткан сүйсүн деп жүрөк берди, көрсүн деп көз берди, күтсүн деп үмүт берди, үмүтүмдүн али жиби үзүлө элек", деп коктуда оттоп жаткан тушалуу атына жетип жетелеп келди да жалын тарап, сылап-сыйпай токуп кирди. Буудайбек кирип-чыгып күйөөсүнө эчтеке дей албай балдарына кыйкырып жатты. Багышбек үндөбөй атын минип, бастырып кетип калды.

- Куураган чечек десе, кайдагыны эсине салып коюп жоголгонун кара, унута баштаганда.

- Абайлап сүйлөсөңүз боло жеңе, сизге эмне болгон, тиги жолго чейин угулуп жатат, - деп кайынсиңдиси Карлыгач көрүндү.

- Кыйкыра турган иш болсо эмне кылам кыз, жанагы иниңер тилди албай Токтогулдун кызын алат элем деп агаңды капа кылды. Эми кайда кеткени белгисиз, катынды алып эле бердик го, экөө жашай албай эми сүйдүм-күйдүм деп бирөөнүн кудалаган жубанына жабышып, эл караган бетибизди жер каратканы жатат, - Буудайбек жаагы-жаагына тийбей эбиреп кирди. - Кой-ай деп койсоңор боло, өзүбүз тапканды алып берели десек укпайт.

- Тим койгула да жеңе, жубан болсо болот да, көңүлүнө жакканын кылсын.

- Кой дегендин ордуна кайра ушинтип көкүтөсүңөр да, Сагынай деле жакшынакай келин, Токтогулдун жубан кызы андан ашык дейсиңерби, ата-теги илгертен бардар турушат.

- Жеңе-е, капа болбоңуз, инибиздин ой-боюна койбой мурда тапкан кыздын кылганы тигил болду, эми тил кыска болуп калбадыбы? - Карлыгач жеңесине күлө-бага айтты.

- Багыш силерге ата ордуна ата болуп калды эле, аны сыйлабай кыйкырып кетти, эми акең жүрөгү ооруп капаланган бойдон кайда кеткенин билбейм, - Буудайбек буулугуп, ички ызасын кайынсиңдисине туюгунан төгүп жатты. Ичи уйгу-туйгу болуп: "Ал Даткайымга эле кетти, эски жарасы козголду, ал эми ага биротоло кетип калбаса эле", деп тынчы кетип жатты…

Багышбек атына олбуй-солбуй камчы салып, ойлуу кайда баратканы белгисиз, жүрөк жарасы сыйрыла тыз-тыз этип, көз алдынан Даткайымдын үкү тебетей кийген беш көкүл кези, карагаттай көздөрү менен кыя карап жылмайып күлгөнү, үлпүлдөгөн аппак кош этек көйнөгү кетпей, кетип жатып, негедир аттын эси бардай Арстанбектин эскирип калган тамынын эшигине алпарып койгонун сезбей да калды. Качан гана ат кошкура токтогондо эсине келип, ат мамынын жанында турганын көрүп чоочуп кетти, ушул тушта ичтен көөнөргөн эски чыптамачан Даткайым чыга калып, аны көрүп, утурлап тозоорун же ичкери кирип кетээрин билбей муундары калтырап, жер карай туруп калды. Багышбек да үн катпай анын ушул турушун көз карегине сактап калгысы келгендей көз албай, оозуна сөз кирбей ат үстүндө тура берди. Аттиң, ушул көз карашта эки адамдын не деген армандары, не деген өксүктөрү турбадыбы?! Көптө барып эркектик кылды бейм, Багышбек:

- Арба Даткайым, - деди.

- Бар болгула, келген экенсиңер?

- Келдим, келгенимди да билбейм Даткайым, эркимди башкаралбай калдым, учурашкан айып эместир…

- Жүрөк менен эркти башкарууга адам баласынын күчү жетсе… - Даткайым жашка мууна андан ары жагын айталбай туруп калды.

- Түшсөм мейлиби? - Суроолуу жооп күттү.

- Аянган жан өтпөдүбү Багыш, бирок сени унутту го дедим эле, эсиңде экемин кудайга шүгүр, - деди муңкана үнү калтаарый, - Жүрөк үшүткөн күн көз алдымдан кетпей, тагдырыма баш ийип жашап калганымда.

- Кантип унутам Датка, ар бир таңым сени эстебей жарык кирбейт, жатаарда оюмдасың, аргабыз канча, - Багышбек аттан түшүп, эскирген мамыга атын байлап, Даткайымды көздөй басты, - Жакшы жүрөсүңбү, жарыгым?

- Өлбөгөн күн өтүп жатат, суусуз чөлдө калган жандаймын, бактым кыркылды, жараткан жок дегенде кызымды өзүмө кыйбады, караанын көрүү үчүн мектебине барам… - Даткайым өзү ичкериге карай баштап кирди, - Төргө өткүлө.

- Рахмат, ушул үйгө күйөө болуп кирбедим, өзүңдү куштай кылып алып жүрө албадым, - Багышбек мандаш токуна Даткайым төрт бүктөп салган төшөккө отуруп жатып айтты муну, - Ал акыбал кандай?

- Тирүүнүн күнүн көрүп, жүргөн менен өлүү жандан айрымам жок, жашоо кунарсыз… - Даткайым дасторкон жайып чай куйду, - Чайдан алыңыз.

- Асылым, канчалык жакын болсок да ошончолук алыспыз, көз тунарганга чейин элесиң гана карегимде тура берет, тагдырыбыз ушундай экен, азыр сени көрүп туруп, кечээ эле күндөгүдөй жолугушууга келгендей өзүңө сүйлөөдөн апкаарып турам, - Багышбек Даткайымдын колунан аста кармай, - Сагындым… - деди үнү кардыга шыбырап.

- Кайдан, менин жүрөгүмө, жүзүмө өткөн супсак, бактысыз өткөн жылдар өз издерин салбадыбы…

- Мен үчүн баягыдай эле, жамалың жүрөк толкутат.

- Жок, андай дебе Багыш, биздин таза сүйүүбүз, таза бойдон акактай бойдон жүрөктөрдө сакталып кала берсин, биз тирүүлүктүн улуу сезими сүйүү деген азапты баштан өткөргөнүбүз үчүн бактылуубуз.

- Аның чын, биз бактылуубуз, бири-бирибиздин жүрөгүбүздө сакталып жүргөнүбүз үчүн, - Багышбек колун тартып алып улутунуп ийди, - Ардагым, асылым менин, өчпөс-көөнөрбөс сүйүүгө кабылып сенин элесиң менен жашоонун өзү дагы бакыт мен үчүн….

Экөө тең унчукпай калды, Багышбек үнсүз колдорун кайчылаштыра бир чекитти тиктеп үнсүз отурган Даткайымдын жүзүн астыртан тиктеп отурду, сол кашынын үстү, оң жак жаагы менен оозунун астыңкы эрдинде тырык пайда болуп калганын көргөндө жүрөгү зырп этип алды, анысын сезип тургандай Даткайым:

- Келгениңерге миң мертебе ыраазымын, мени эстеп, мени унутпаган адамым бар экенине жаратканга шүгүрчүлүк кылам. Көргөн-укканга кеп болуп жүрбөйлү, жарыктык элди билесиңер да бири угуп, бири көрүп сүйлөсө калганы көбүртүп-жабыртып жиберишет…

- Туура, бирок күнөөбүз кайсы Датка, сүйлөшүп жүрөк черин, сырдашып көкүрөктүн муңун жаза албадык го?

- Көз көрүп кубанат, жүрөк сезип кубанат Багыш, менин жашоомдогу эң бактылуу күн бүгүн болду, атамды каргап жүрүп өтүп келатам, сексендеги карыялардай болуп токтолдум, алдыдан үмүтүм аз, эмки жашоом Гүлайым үчүн, жалгыз кызымды гана ойлоп күн көрүп келаткандаймын, - Жер карап ойлуу үн катты.

Багышбек ыңгырана ордунан турду:

- Кош Датка, тагдыр бизди кошподу. Сенин кызың да чоңойду, менин уулум да бойго жетип баратат, - деди да камчысын бүктөй кармап сыртка карай кадамын жай таштады, - Аман жүр! - Босогого токтой калды, - Бир көргөнүм мен үчүн канчалык кубат.

- Жакшы жүр, сенин жүрөгүңдө жашаганым үчүн өзүмдү эң бактылуу деп эсептейм, - Даткайым ордунан турбады, көзүнүн жашы көл боло үнсүз төгүлүп турду.

Саамга босогону аттай албай туруп калган Багышбек артына кайрылды да басып келип, эки карыдан ала өйдө кылып Даткайымдын жүзүнө тигилди, анын жамгырдай төгүлгөн көз жашынан эле жүрөгүндөгү армандын, өкүнүчтүн-күйүттүн ачуу даамы сезилип, буркан-шаркан түшүп, ички дүйнөсүндө сел жүргөн кең сайдагы таштардай аласалып ойлору чачкын болуп турганы белгилүү эле. Багышбек аны аста бооруна кысты, экөөнүн түрсүл каккан жүрөктөрүнүн дабышы бири-бирине билинип турду, үнсүз гана бир саамга кучакташып тура беришти. Даткайым ошол кезде буркурап ийди. Багышбек аны ого бетер бооруна бекем кысып ак жоолукчан аялдын төбөсүнөн жыттап көпкө туруп анан:

- Датка, - деди шыбырай.

- Оов.

- Сен дагы эле мени сүйөсүңбү?

- Анын пайдасы канчалык?

- Айтсаң ачыгыңды.

- Баягыдай эле, өткөндү унутуп, азыр жаш секелектей сезип турам өзүмдү.

- Асылым ай, жүрчү эч ким укпаган, эч ким барбаган жакка кетип калалычы?

- Болбойт.

- Неге?

- Эл эмне дейт?

- Эл эмне дейт, атам урушат деп жүрүп, ушул күндө калбадыкпы?

- ? .. .

- Жүрү жаным, дүйнө кезип жетелешип кетип калалы, сени өзүм бактылуу кылам, ушунча чыдадык, тагдыр деп жүрүп, аз жашоодогу бактыбыздан пайдалана албай калабызбы Датка?!

- Жок болбойт, ушул жолугушуу дагы мен үчүн чоң кубаныч, чоң кубат Багыш, бирөө жарым келип калбасын.

- Кантейин асылым, ойлонуп көр дагы, сен али жашсың, алдыда дагы канча жашоо бар, бактыбызды табалычы, - Багыш аны кое бербей көкүрөгүнө кыскан бойдон сүйлөп жатты, - Билесиңби, бүгүн мени иним аябай ыза кылды, ал мени "жүрөгүң жок, сүйүп көргөн эмессиң, сүйүүнү билбейсиң" дейт, сүйүүдөн жүрөк үшүп аргасыз жашоо өткөрүп жүргөнүмдү ал кайдан билсин, анда ал беш-алты гана жашта эмес беле? - Багышбек ошол турушунда болгонун саймедиреп айтып берди.

- Бала да, сен ага каршы болгонуң болбойт.

- Буудайбекти билесиң го, ал өз билгенин кое бербейт, ошол тапкан келинди "ал" десек болбой жатпайбы?

- Туура эмес, жүрөк каалоосу күч болсо кайып эмеспи…

- Келиндин атасы да каршы, он бештеги келин экен, бербейм деп жатса, анан эмне кылмакмын…

- Жүрөгү жоктук кылбагыла да, - Ушул учурда Даткайым жылмая карады, - Сүйүүдөн өткөн айыкпас дарт болбосо керек, рактан да өтө кооптуу…

- Ырас айтасың.

- Эмесе артыңарга кайткыла, силерди да сыйлап күткөн жарыңар бар, анын да жүрөгү, сезими ооруйт, аны сүйбөсөңөр балдарыңарды сүйүп отурасыңар!

- Ал айтканың туура Датка, бирок мен сенден ажырагым келбей турат, ушул бойдон кучакташып катып калсам кайыл элем, кылымдарга эл оозунда дастан болуп калсак кана.

- Койсоңорчу… - дегиче сырттан дабыш чыкты, эшикти аттап кирип келаткан Жолоочу болчу, экөөнү көрүп, бир тынымга оозуна сөз кирбей туруп калды да:

- Энеңди урайындар десе, уурданып жалаптык кылып жүргөнүңөрдү кара, элдин алдында шерменде кылбасам элеби? - деп Багышбекке жулунуп жакадан алаарда, ал озуна тигини жакадан алды да:

- Бир жолу ажыраткансың, экинчи жолу жол бербейм! - деп түртүп ийди.

- Жолоочу, сен мени таштап койгонуң качан, мен азыр жападан жалгызмын, ал тургай кызымды каратпай отурасың! - Даткайым аны ызалуу көз караш менен карап ушинткенде Жолоочу ага бакырды:

- Жала-ап, баары бир менин аялымсың, мен сенин минтип жалаптык кылганыңа жол бербейм!

- Мен эркин адаммын, менде эми эч кандай акың жок. Аялың, балдарың бар, азыр үйүмдөн чыгып кет! - деди үнүн пас чыгарып Даткайым.

- Мени кет дей турган сенсиңби, экөөңдү элге салам, жарыя кылып эл алдына шерменде кылам! - Болбой эле жулуна берди.

- Жолоочу, эркекче сүйлөшөлү, эгер катындык жайың бар болсо, азыр мен чыгып кетем, бирок ушунун бир жерин оорутуп, дагы бир жиндилик кылсаң, сени өз колум менен өлтүрөм, ушул убакка чейин астыңдан чыгып жаман айтышкан жокмун, эмне үчүн экенин сага айтып коеюн: Даткайымдын бактылуу болушун каалагам, карачы айдай жүзүнө так салганың жетишпейби, аның аз келгенсип жүрөгүн оорутуп жаш күнүндө картайтканың жетишпейби? - Багышбек ачуулуу анын теке майдайына келип, көзүнө тике караганда Жолоочу тайсалдап кетти.

Багышбек бойлуу, олбурлуу жигит эле. Өзү дагы келбеттүү, кара мурут, көздөрү күйүп кеткендей көрүндү ага.

- Болду Багышбек, эркекче сүйлөшөбүз, Даткайымга эчтеке дебейм.

- Анда жигитче кетип кал!

- Мына кеттим, - Жолоочу Даткайымды көзү менен ата карап босогодон чыгып кетти.

- Багыш, жакшы болгон жок, эми бул элге өзү жаят, сыры белгилүү, эртерээк кетип калганыңарда болмок, - Даткайым улутуна сүйлөдү, - Ал эми дагы келет, кетирип ийип менин кантип жашап жатканым менен иши да жок, атамдан калган байлыктын барынан күн көрүп жатам, уул бала калбады атамдан, өлөөр өлгүчө арман кылып өттү, мен болсо аны кекетип өлгүчө жүзүн карабай өлөөр алдында чакыртканда келдим, ошондо гана менден кечирим сурап өкүнгөнүн билдирди, бирок баары кеч болуп калган болчу…

- Капалана бербечи алтыным, эми өзүм кабар алып турам, - Багышбек ушул учурда анын жүзүнөн өптү, - Асылым ай!!!

- Өксүкмүн, Багыш…

- Билем, мен сенден артык эмесмин.

- Аз да болсо сыйлап турчу жарыңар бар, бул болсо да жашоонун жакшы жагы эмеспи, баса улуу уулуңар канчага чыгып калды, Багыш?

- Он бештен өтүп калды.

- Гүлайымдан бир жаш кичүү экен да?

- Ооба, удаа эле үйлөндүк го?

- Ырас эле…

- Датка, көп ойлонбо, менин сөзүмдү ойлонуп чеч, мен сени менен дүйнө жүзүн кыдырып жүргөнгө даярмын!

- Бала болуп кетесиңерби?

- Жигиттик сөзүм.

- Ишенем, бирок биздин жолдор кошулбай калды го?

- Неге, эми мындан аркысы өз колубузда. Жаштык кылдым, ата-энем күтүүсүз капысынан өтүп кетип эсимди жыя албай калып сенден ажырагам Датка, эл эмне десе ошо десин!

- Жок болбойт.

- Болот! - Экөө талашып-тартышып көпкө турду.

Даткайым сөзгө келбей Багышбекти үйүнө кетирүүгө шашып жатты. Сүйүү керемети кандай гана кызык, ошол эле кезде ыйык, кээ бирөөлөр, айрыкча азыркы кезде сүйдүм деп, бири-бирин эптеп эле төшөккө сүйрөгөнгө ашыгышат. Сүйүү ыйык, купуя сакталса кандай жакшы, сүйүүнү сыйлабай жеңил карагандарга наалат. Эки ашык көпкө бири-бирин телмире тиктеп, ошол көз караштар аларды бири-бирин сүйгөндүктөн ыйык сактап калууну өз дилдеринен ойлонуп эки бөлүнүштү, Үлпүлдөгөн араба чырактын жанында үшүгөн ак кайыңдай денеси дирт-дирт этип, көзүнүн жашы чыптамасынын этегине тыпылдай кыркка чыгып чыга элек аял отурду…

Багышбек аттанып үйүн карай бастырып келаткан, шыңк эткен күлкүгө улай эркектин үнү угулду. Аттын ооздугун тартып токтотту, ооздук шылдыр этип, ат кошкуруп алды.

- Мени сүйөөрүң жалган го, болбосо мени башкага ыраа көрбөйт элең, аялдын укугу жок экен, болбосо каалаганыма барам деп басып кете бермекмин, - деди эмеле шыңгыр эткен күлкүсү чыгып жаткан келиндин үнү муңая.

- Ишенчи жаным, мен сени кандай сүйөөрүмдү билсең, агам менен жеңем каршы болуп жатпайбы? - Тааныш үн жүүнү бош аял алдында мүңкүрөй үн катты, - Сенсиз жашай албасымды айтып байкемдин жүрөгүн оорутуп да койдум окшойт.

- Жакшы, ушинтип ажырашып калабызбы, мен Кубанычбекти сүйбөйм, жашай да албайм.

- Түшүнүп турам алтыным, андан көрө жетелешип алып эле кетип калбайлыбы?

- Кайда барабыз айтчы, мен сенин жаныңда болсом ач-жылаңач экениме карабай өзүмдү бактылуунун бактылуусу деп эсептейт элем, - Келиндин сөзүн угуп турган Багышбектин оюна эбаккы өткөн окуяны салып Даткайымды көз алдына келтирип алды: "Жок-жок. Мен бактысыз болсом дагы иним бактылуу болсун, эртең эле Токтогулдун үйүнө барам", деген ойдо атты башка бир чапканын сезбей калды. Аттын дүбүртүнөн чоң дарактын түбүндө кыналышып отурган эки жаш селт этип алды. Узап бараткан атчанды көрүп, бир демге тунжурай түштү, көптөн кийин Жакшыбек:

- Дагы кимиси болуп кетти, аңдып жүргөн го дейм? - деди көңүл кош.

- Эгер атам болсочу, ал мени эми өлтүргөндөн кайра тартпайт, кой мен кетейин, бүрсүгүнү келип мени алып кетишет экен.

- Мен сени бербейм, эртең ушул жерден жолугалы алтыным, дагы барып айтам, ал тургай сени жетелеп алып, жер кезип кетээримди айтам, - Жакшыбек келинди колтугуна кыскан бойдон сүйлөдү.

- Макул, эртең көрүшкөнчө, кош Жакшы…

- Кош алтыным.

- Кош! - Экөө кармашкан колдорун зорго бошотуп, эки тарапты көздөй жөнөштү.

Багышбек түз үйүнө келип атты аса байлап, ээр-токумун алып акырдын кырына койду да, мал короо жагына басып кеткенде, шашыла баскан Жакшыбек ичкери кирип кетти. Аны көргөн Буудайбек:

- Ийи, керээли кечке каякта жүрөсүң, байкеңдин эски жарасын козгоп койдуң эле, илгерки чүрөгүн издеп кеткен бойдон жок! - деди кайнисин акырая карап.

- Эмне дейсиз? - Жакшыбек түшүнө бербей жеңесине карады.

- Билбей калсаң угуп ал, байкең дагы сенден бетер тиги Жолоочунун аялын талашып жетпей калган, жүрөгүң жок деп койдуң эле, эчтеке ичпей кеткен.

- Койчу жеңе, кайсы Жолоочу, тиги Даткайым жеңеби?

- Ооба, ош-шол жеңең экөөнүн дастанын билбейсиң?

- Чын элеби?

- Болду, эмне деп былжырап жатасың? - Багышбек ошондо кирип келип, аялына жиндене кетти, - Сүйлөйт десе эле сүйлөй бересиңби?

- Ийи, жалган беле, эртең менен иниңдин сөзүнө жинди болуп кете жаздадың го! Ушунча жыл ысыгыңа күйүп, суугуңа тоңуп, жамандык-жакшылыгыңа тең орток болуп келаткан мени көргүң келбей чыгып кеткениң жалганбы?! - Буудайбек буулуга эрине айкырганда ал жетип жаакка чаап жиберди, эки кичирээк баласы чырылдап ийди эле, унчукпай төргө өтүп, отуруп калды.

- Байке кечир мени, мен силерди уруштурайын деген жок элем, албаса албадым да, - Жакшыбек күнөөлүүдөй жер карады.

- Болоору болуп боесу канды, канча жылдардан бери зилдеп жүргөн агаңдын жарасын козгодуң, эми кечирим сурабай эле кой!

- Болду деп жатам, тилиңди тыясыңбы же…

- Башы бош, жалгыз тамда коколой калды, кааласаң кирип ал, ушундай эзилип бүттүм мен дагы, ушунча жыл жашап, мага жакшы мамиле кылганың менен Даткайымдай көрбөсүңдү билем! - Буудайбек тилин тыйбай балбалактап ыйлап да, сүйлөп да кирди. - Дегеле көөнүм айттагыдай, маа десең балдарыңды да ала кет, сени сүйсө балдарыңды да сүйсүн, мен ээн-эркин басып оңуп калайын!

- Болду дегенди угасыңбы же чындап эрсиз калганы турасыңбы, минтип ажылдай берсең кетип калам!

- Ооба, араң эле жүрбөйсүңбү, Жолоочу кое берген аялга барып бактылуу кыл, мен сени кызганбайм дагы!

- Жеңе, эмне болуп жатасыз эми, балдардын көзүнчө кайдагы сөздөрдү айтып, сиздин мындайыңызды билген эмес экенмин, - Жакшыбек жеңесине таарына сүйлөдү. - Мен байкабай сүйлөп алыпмын, урушуңардын шылтоосу ошолбу?

- Болду сен да көп сүйлөбөй, мен эртең Токтогулдун үйүнө өзүм барам, эгер чын сүйгөн болсоң алып берем!

- Эмне дедиңиз? - Жакшыбек жаңылыш угуп калгандай, агасына күлүмсүрөй кубанычтуу карады, - Чын айтып жатасызбы?!

- Сени менен тамашалашып жүрчү белем,

- Байке, Сонону бүрсүгүнү кол менен беришет экен, сөздөрү бүтүп калыптыр да?

- Экөөң бири-бириңди сүйөсүңбү?

- Ооба.

- Анда Соно сеники, Токтогул адам чыгаар, баласына бак-таалай кааласа каршы болбос.

- Ийи, муну да өзүңдөй болбосун деп ойлогон экенсиң да, тегеле сүйгүчүлдөрүн кара, силерде эле жүрөк болсо дагы, - Буудайбек кергиштей сүйлөдү.

- Ишиңди кыл, келин алганга даярдан!

- Иниңе күйсөң өзүң даярда! - Буудайбек ушинткенде Багышбектин жини келип тура калды.

- Кандай түшүнбөгөн катынсың ыя, балдарды сыйлап чыркыратпайын десе… - деп келип уруп иймек болгондо Жакшыбек кармап калды.

- Байке урушпагылачы, мен үчүн мындай уруш болсо үйлөнбөй эле койдум.

- Сен кылдың ушунун баарын, Токтогулдун жаман кызын алам деп, болбосо тынч эле жашап жаттык эле.

- Тынч жашайсың эми, Жакшыны үйлөнтөм да кетем баш оогон жакка, каалаганыңдай жашай бер!

Багышбек эшикке чыгып кетти, артынан Жакшыбек чыкты, Буудайбек какшанып сүйлөгөн бойдон үйдө долуланып көпкө сүйлөнүп жатып ичинен ойлонуп: "Ырас эле кетип калсачы? Даткайымдын башы бош, Багышбектин салбар аялы болуп кала беремби, зорго эле жүргөн бул шүмшүк", деген ички туюмунан чоочулап алды.

Багышбек мындайыраак агалары болуп кетчү Сапаралынын үйүнө таң атпай барды. Ал эртең менен эрте туруп намазын окуп бүтүп, эшикте басып жүргөн. Таң эрте келген Багышбекти көрүп астынан утурлай басты:

- Оо кел Багыш, бу эртелеп кайдан, тынчылык элеби?

- Ассалоому Алейкум байке, күүлүү-күчтүү турасызбы?

- Шүгүрчүлүк иним, өзүңөр кандай жатасыңар.

- Жакшы эле жатабыз.

- Кир үйгө, жай сүйлөшөлү.

- Ыраазымын байке, - Багышбек ичке кирип баратып кылчая карады, - Мен бир иш менен келдим эле.

- Кандай иш, менин колумдан келеби, жардам бере аламбы?

- Экөөлөп көрсөк…

- Колдон келээр иш болсо айта бер.

- Жакшыбек Токтогулдун… - Багышбек бир паска ойлуу отурду да, сөзүн түшүндүрө толук айтып берди, - Ушундай байке.

- Токтогул өзү кежир адам, сөзгө келээр бекен?

- Экөөбүз барсак, сөзүн тартып көрөлү, кызынын көз жашын кайра эле төгүлүшүн каалабас, түшүндүрүп айтсак угаар…

- Ай кудай билет ошону, мейли эми, экөөбүз барып көрөлү, - Сапаралы сакалын сылай ойлуу инисин карады, - Ал өтө кежир киши, өз билгенин кое бербеген неме, баса ал жаңылбасам Кененбайдын баласына кызын бермек болуп жатат деп уктум эле?

- Ошондой байке, бирок Жакшы менен анын кызы сүйлөшүп жүрүптүр, мага таарынып жатпайбы, бир барып алдынан өтүп көрөлү, буйрук болуп калса көрөөрбүз.

- Мейли, бара көрөлү, - Сапаралы кемпирине карай бурулду, - Карачач, чапанымды алып келчи.

- Кайда бармаксың? - Ички үйдөн үн катты ал.

- Иш бар кемпир, бере салчы.

- Мына, - Карачач чапанын алып келип кийгизди, - Узакка бармаксыңбы?

- Эми эле келем.

- Ии-ии, - деп койду да Карачач өз ишине киришти.

Багышбек менен Сапаралы аттарын темине Токтогулдар жашаган өйдөкү жакты көздөй бет алышты. Токтогул үйдө болчу, эртеңки тойго камылга көрүп, келин-кыздар жумуштары менен алек, апасы кызынын кийим-кечесин даярдап жүргөн, Сапаралы салам айтып кирип барды. Аларга карап алик алып, Багышбекти ормое карады да:

- Келгиле, - деди жактыра бербей.

- Келип калдык Токо, кыздын тоюн бергени жатыпсың, ошо кызыңдын бактылуу болушуна көзүң жетеби? - Сапаралы сөздү түз эле баштаганда анын ачуусу чукул келип кетти:

- Буга силердин кандай тиешеңер бар, кыз меники, кимге берем, өзүм билем!

- Ал туура, кызыңдын көз жашын төгүп отурганына карабай, өзү каалабаганга бергениң болбойт, биздин бала менен сүйлөшүп жүрүптүр, биз менен куда бол! Кызың менен биздин баланын келечегин ойло!

- Сен эмне, мага буйрук кыласыңбы?

Аркы үйдө отурган Соно муну угуп жатты, кыз-келиндер менен Толкун дагы эмне болуп кетет дегендей үрпөйө туруп калышты.

- Буйрук эмес, сураныч, Токо, балдар мурунтан айтпаганы өкүнүчтүү, балдарды кыйнабайлы.

- Мурун кайда жүрдүңөр эле? Эми кеч болуп калды, эртең алып кетишет, эми кийлигишпегиле, - деди Токтогул күңкүлдөй.

- Айланайын Багышбек, бул кылыгыңар кантип болсун, душмандыгыңарбы же тою түшүп жаткан кызга минтип келгениңер кантип болсун? Кызыма тилегиңер жакшы болсо тойго кана келгиле, - деп Толкун үйдөн чыга калып айтканда Соно босогого келип өзү бери чыкпай:

- Ата, менин убалыма калбаңыз, экинчи жолу дагы бактысыз кылгыңыз келип жатабы? - деди солкулдай, - Мен Жакшыбекке гана барам, болбосо өлүп тынам!

- Кызым, сөз бүтүп калган, кааласаң да каалабасаң да берем, мен сени бактылуу болсун деп гана тилейм.

- Мен Кубанычбек менен жашай албайм ата, берсең Жакшыбекке бер, болбосо күйөөгө чыкпайм!

- Соно! - Токтогулдун үнүнөн баары селт этти, ал жин ургандай кыйкырып кирди, - Барасың, барбайм десең ууч турпагыңды түйүп кой да кете бер!

- Аксакал, алдыңызга баш уруп келип калдык, жаштарга батаңды бер!

- Силер мени жарга такадыңар го, буга чейин капарсыз жүрүп, эми келип алып айтканыңар…

Ары кетип, бери кетип жатып, акыры Токтогул макул болуп, ич арадан ала качып кеткенге макул болду. Буга кызынын боздоп ыйлаганы түрткү болду окшойт.

Канчалык билгизбей макулдашышса да, кимдир бирөө айтып барган окшойт, ошол түнү Кубанычбек беш-алты жигит менен аны кайтарып Жакшыбектер келген кезде эки тарап болуп чабышып, атасы Токтогулду да сабап, келинди алып кетип калышты. Жакшыбекти айыл аксакалдары токтотуп койбогондо, ортодо адам өлүп, доого жыгылар беле, аргасыз кала берди. Токтогул аялы экөө той берип, кол менен узата албады. Соно боздоп ыйлаган бойдон таш түш, таалайыңдан көр деп отуруп калды. Бирок Кубанычбек абдан кызганчаак болуп чыкты. Жыл айланбай он алты жашында Соно уул төрөдү. Баскан турганын аңдып кызгана берет. Арпа бозого тоюп келген күнү анда күн жок эле. Бир күнү түндө кызуу болуп келип:

- Ийи, Жакшыбекти унуталбай жатасыңбы? - деп жаткан жеринен аны белге тээп ийди.

- Эмне кылып жатам, бала ойгонот.

- Балаңды сенин, эси-дартыңдын баары сүйгөнүңдө болуп жаткандыр, - Жанына отуруп алып карысынан ала өйдө тургузду, - Кана секет, айтчы, мени сүйөсүңбү ыя?

- Сенин койнуңда жатам го, дагы эмне керек?

- Айт деп жатам, мени Жакшыбектей сүйөсүңбү?

- Мен эч кимди сүйгөн эмесмин, жатчы кишини кыйнабай, ата-энең угуп калса эмне дейт?

- Менин ата-энемби, а сенин ата-энең эмеспи? А-аа, туура, сүйүп тийсең итин да сыйлайт болчусуң да, мени сүйбөсөң ошентесиң да? - деп бет талаштыра коюп ийгенде, Соно бакырып жиберди.

Ошол убакта кайненеси кирип келди:

- Эмне болду ой бала, тынч жатып калбайсыңбы эми, кечке жаны тынбаган немени кыйнабай.

- Кыйнаган жокмун апа, баары жакшы, жата бер, - Кубанычбек туруп кийимин чечине баштады.

Бетин баскан Соно ыйлап жаткан, көзү көгөрүп чыга калды, ыйлаганын басып ордунан тура сырткы үйдөн муздак суу алып чыгып бетин жууду да кайра кирип келатканда, Жамалкан көрүп чоочуп кетти:

- Карангү-үн-карангүн, бул эмне кылганың кокуй, бул да бирөөнүн баласы го балам, мынча кордогонуң болбойт.

- Мен эмне кылыпмын? - Кубанычбек мурдун балта кеспей жатып алды.

- Жата гой айланайын, ыйлабай эле кой, мындан кийин тийбейт, балаңды ойготуп албай жата бер, - Жамалкан кейий өзүнүн бөлмөсүнө чыгып баратып сүйлөнө берди, - Обу жок десе, бирөөнүн чырактай баласынын жүзүнө так салып... Жаман эркек аял кызганат, акылсызым десе.

- Эмне болду? - Кененбай кемпирин баш көтөрө карады.

- Тиги жаманың келиндин көзүн көгөртө коюптур, эртең эшикке кантип чыгат бечара, эне-атасы укса эмне дешет жаш болсо…

- Эси жок уулуңду эртең эсине келтирбесең болбойт, бозого тойгон күнү минте берсе аял турабы?

- Айтсаң боло сен деле, оңой тийбептир, көзү чыгып кетсе эмне болот?

- Сен да айт, мен дагы түшүндүрөм, улуу балабыз экен деп эркелетип койсо адебинен ашып кетти, - Карылар кейип-кепчип жатып калды, - Минте берсе мунусу дагы кетет.

Кубанычбек аялы жаткандан кийин аны өзүнө тарта кучактап алды, Соно унчукпады, колу менен бүткөн боюн кармалап келип:

- Соно, - деди Кубанычбек.

- Мм.

- Мен сени аябай жакшы көрөм, ошондуктан кызгана берем, а сен мени жакшы көрөсүңбү?

- ? .. .

- Айтчы деги, мени жакшы көрөсүңбү?

- Ии-ии.

- Тилиңди жутуп алдыңбы?

- Ооба, - деп орой айтканда Кубанычбектин жини кайнап чыкты:

- Оозуң менен айт деп жатам, - Булка өзүнө каратты, - Кана айтчы өз оозуң менен.

- Ооба!

- Ой энеңди, эмне бакырасың?

- ? .. .

- Ичиң арам, сен мени эшиктеги кара күчүкчө да жакшы көрбөйсүң, ээ?

- Жатып уктабайсыңбы?

- Уйку келеби, катының жаныңда жүрүп, башканы эстеп-ойлоп жатса.

- Жөнчү.

- Эмнеге, мен өз катыным менен сүйлөшүп жатамбы же башка бирөөнүн катыны белең? - Кекетип киргенде Соно көз жашын куюлта:

- Дагы сага эмне керек, тынч жаткырасыңбы? - деди.

- Мен сени эмне кылып жатам, тынч жатам десең чыныңды айт, жүрөгүңдө каткан ысымды айт мага, же мен сага оюнчукмунбу?

- Койчу Кубанычбек, бала менен кыйналганым деле жетет, башым ооруп кетти.

- Мен келсем эле башың ооруп кетеби?

- Качан болсо ооруйт, өзүм ооруп жүрөм, - Токтоо жооп берди, - Адамча жашайбызбы?

- Сен эмне итче жашап жатасыңбы?

- Иттин жашоосу менден өйдөрөөк.

- Кандай болгондо бактылуу болосуң, менден ажырагандабы?

- Сен ажырашасыңбы?

- Кеткиң келип жүрбөсүн?

- Сен кет десең кетем да.

- Ой энеңди, күйгүзөсүң го акмак, кете албай эле зорго жүргөнсүң го?

- Уктачы, эс алайын.

- Уктай бер! - Кубанычбек ары карап жатып алды.

Ошол убакта уулу Артыкбай чукуранып калды, үч айлык наристесин эмизип жатып, Соно ыйлап да жатты. Секелек кезинен күйөөгө тийип, жашоонун оорчулугун көрүп, эрксиз ата-эненин тили менен өзү бала туруп балалуу болуп калганына зээни кейиди, кээде ушул наристесин да көргүсү келбей, колунан келсе эркин учкан куш болуп каалаган жакка учуп кеткиси келет. Бирок кайдан, канаты кайрылып минтип өзү каалабаган адамдын заарына чыдап жашап жатат. Эгерде Кубанычбек ага жакшы мамиле жасап, сылап-сыйпап эркелетип аял катары күтүп алганда мүмкүн, жаш неме көнүп кетет беле? Кубанычбек аны эркелетмек тургай көңүлү келсе келбесе да өзү каалаганда ойношундай уйпалап кумар кандырып алат да жатып алат. Ичип келип кекетип, эзелки өчү бар немедей каарыганы каарыган. Өзүнөн жаш келинди кастарлап алуу оюна да келбеди. Эң кичүүсү Шүкүрбек кез-кезде келип калса андан да кызганат. Кырк жылдык совхозунда чабан болуп иштеген теңтушу Асанбектен андан бетер кызганып, өзүнчө эле, жинди болуп кетчү болду. Бир күнү үйдө баласы экөө жалгыз отурган, жайлоодон Шүкүрбек келип калды, Соно ага чай берип, кетээринде кант-чай салып берип узатып жаткан, ал аттанып жатканда Кубанычбек келип калды. Инисин үңүрөйө карап бурк этти:

- Ийи, кардыңар ачтыбы?

- Кардыбыз ачпаса деле келбейинби байке, атамдар үйдө жок экен, жеңем базарлык салып берди.

- Базарлык эле бердиби же… - Инисин кыйды карап мыскыл күлдү.

- Башка эмне берсин, болгонун берди. Салый дагы айылга барам деп жатат, бир-эки күндө келип кетет го? - Оюнда арамдыгы жок эле Шүкүрбек күлө сүйлөп, атты бастыра берди, - Жакшы тургула, андан көрө жайлоого жеңемди алып барып келбейсизби, азыр жайлоонун сонун болуп турган убагы эмеспи, байке.

- Өзүң эле жыргай бер! - Корс эте кирип кетти. Шүкүрбек кеткенден кийин, - Ийи, кайниң экөөңөр эч ким жокто жыргадыңар, жайлоого чакырып болбойт го? - Кекетип кирди.

- Жинди болдуңбу, уялсаң боло?

- Эмнеден уялам, кайниси менен болгондон сен уялбасаң мен уяламбы?

- Акмак, арам ой, кара ниет! - Соно жини келип ага кыйкырып жатканда Жамалкан кирип келди.

- Эмне эле болуп жатасыңар, деги бир ынтымактуу жашай албадыңар го?

- Ушунуку жакшыбы апа, кичине бала келген экен, ошондон кызганып жаман ойлоп жатат.

- Кетип калдыбы?

- Ооба.

- Шерменделер, ушунуң жакшыбы, кайсы кудай урган киши аялын бир тууганынан арам ойлойт ыя?

- Сүйлөй берет да, - Кубанычбек бурк эте жооп кылды.

- Башың өскөн балам ай, - Жамалкан кейий ичкери кирди.

- Мунуңар эмнеге минте берет, башкага жабыштырса да мейли, өз бир тууганына жабыштыргандан уялбайбы? Мен буга чыдай албайм, кыйналып кеттим апа, мен кетем! - Соно ыйлап Артыкбайды көтөрүп үйгө кирди да кийинте баштады, ошол кезде бала бир жарым жашка келип калган эле.

- Кой айланайын, эркектин баары эле кызганат, сен жаш болсоң анан кызганат да, - Жамалкан баланы алып өздөрүнүн бөлмөсүнө кирип кетти.

Кубанычбек тултуюп унчукпай чыгып кетти. Анын бул мамилеси жүрөгүн оорутуп көңүлүн чөгөрдү. Үнсүз ыйлап отуруп, анан өз ишине киришти. Кубанычбек ошол күнү кеч келди, мас болуп келип, үн-сөзсүз эле Сонону уруп-сабап кирди. Ата-энесинин ортого түшкөнүнө карабай тепкилеп, арыкчырай жаш келинди туралгыс кылып урду.

Эртеси бети-башы шишиген Соно ата-энесине качып келди.

- Кокуй-уй, сага эмне болду? - Толкун аны көрүп эле чоочуп кетти.

- Урду-у! - деген Соно апасынын кучагына боюн таштап боздоп жатты.

Токтогул башын өйдө кыла албай көпкө отурду да чыгып кетип, туура эле Кененбайдын эшигине келип:

- Ким бар! - деди ачуулуу кыйкырып.

Кененбай чыга калды,

- Кел, кел куда.

- Келди кой, балаң кайда жүрөт, тооктой жулмалап сабагыдай, кызымдын не күнөөсү бар экен? - деди атынан түшпөй.

Ошондо гана билди ал келининин кетип калганын.

- Сабыр кыл куда, жай сүйлөшөлү, балдар урушуп калган го, кабарым жок эле, болбосо өзүм барбайт белем, - Кененбай жете келип аттын чылбырынан ала ага кайрылды, - Кой, бир ачууңду мага бер?

- Кайда жүрөт зөөкүр балаң, өлтүрүп койсо да көргөн жокпуз деп отура бересиңерби, кандай көрбөйсүңөр, койдой сабагыча, - Токтогул аттан түшпөй күпүлдөп жатты, - Кандай уяты жок ыя, чырпыктай немени баса калып сабаган, азыр көзүмө көрүнсө, дал ошондой кылып сабайм!

- Кечир куда, Кубаныч жок эле үйдө, келиндин кетип калганын билбептирбиз.

- Келиниңдин өлгөнү менен да ишиң болбосо бүлө кылып не алдың? Балаңды өлөрчө сабайм, экинчи эшигиме барбасын, балаңар өзүңөргө буйрусун! - деди да Токтогул атынын башын буруп жөнөп кетти.

- Кудай урган тура, кашайып кеткенин билбей калганымды кара, - Чыга калган Жамалкан кейип кирди, колунда бала бар көтөргөн, ал ыйлап басылбай жаткан эле.

Кубанычбек кечинде мас болуп келди эле Кененбай аны көрүп эле:

- Ок, атаңдын оозун урайын акмак, катындан айлангыр, Сонону барып алып кел! - деди.

- Өзүңөр алып келгиле! - Кубанычбек ушинткенде Кененбайдын ачуусу келип кетти, жаза-буза коюп жиберди ал:

- Акмак, бул кебетең менен үй күтө албайсың.

- Болду да эми, ал качан кетип калыптыр? - деп Кубанычбек элейе карады атасын.

- Койнуңда жаткан аялдын качан кеткенин сен билбесең, мен кайдан билем, элге журтка кеп кылып бүтмөк болдуң го?

- Бечара жаны кейигенден кеткен да, колунда баласына да карабай кетиптир, ушу сен адам деле болбой калдың, көзүбүздүн тирүүсүндө өзү менен өзү болуп калсын дедик эле, жетеңде жок болсо айткан кайран сөз, - Жамалкан дагы кейип жемелеп кирди.

- Апа, кулагымды койбой койдуңар го, келиниңерди алып келип берсем болобу деги?

- Ооба, сага эми келет.

- Келбесе койсун, башка аял алып алам.

- Ок, атаңдын оозун урайын акмак десе, колуңдан келгенин кыл, маа десең катынсыз өт!

- Ой, кантесиң атасы, атаныкы ок дейт, сөзүңдү кайра ал, бу айбаның үчүн көрдө тынч жатпай экөөбүз азап жеп жүрбөйлү, - Эне деген бечара балага мээрими чексиз эмеспи, атанын жаман сөзүнөн коргогон болду.

- Атасынын оозун урайындын баласы десе, күйгүзүп жатпайбы? - Этегин кагына туруп кетти, - Бул акмакты качанкыга телтеңдетебиз ыя, отуздан ашкыча үйбүлө кадырын билбесе, мен мындай кезде үч баланын атасы болуп калгамын.

- Жемелей бербей бирдеке берчи апа, кардым ачты.

- Кирип тамак ич, жарма деле бар.

- Ичпесе койсун, баласын өзүнө бер, сооротсун.

- Баламды багып алам ээ, кел келе гой Артык, - деп күлүп колун сунду Кубанычбек, - Атаңа келчи. - Бала чоң энесине качып ага келбей койду, - Келбесе эмне кылайын, силердин эле балаңар да, - Кол шилтей ичкери кирип кетти Кубанычбек.

- Буга баары бир тура, эси жок бала кантээр экен, катын-баланын кадыр-баркын билбесе жашоонун кызыгын көрөбү ошол, - Кененбай ачууланып жатты.

Канткен менен ата-эне деген баланы кыя алмак беле, бир сыйра ачууланып тилдеген менен унчукпай калышты. Артыкбай ыйлап жатып уктап калды, ал эмчектен чыга элек болчу. Ошого энесин издеп ыйлап жатканын сезип турушса да эптеп сооротуп, чай-сүт берип жатышты. Арадан бир жума өткөндө Кененбай иниси менен аялын, баласын ээрчитип алып Токтогулдун үйүнүн эшигине куржун көзүнө кийит, бир койдун этин бышырып алып түшүштү. Аларды Токтогул үйүнө киргизбей:

- Болду, кызымды бир бергем, эми бере албайм, күтө албадыңар, балаңар өзүңөрдө калсын! - деп жолотподу.

Бирок эмчеги толуп ооруп, баласы үчүн ыйлап-сыктаган Соно:

- Баланы берсин, мен барбайм, - деди.

- Бала ошолордуку, сен биздин балабызсың, сенин түрүңдү көрүп, алардын эмес биздин жүрөгүбүз ооруп отурат. Эгер балам десең кет, экинчи ушул үйдүн босогосун аттаба!

- Ата, качан болсо мага ушинтесиң, балада менин акым жокпу? өзүң зордоп бергенсиң, эми баламды алып бер!

- Кой балам, эне менен атанын колунда болгону жакшы баланын, Кубанычтын бир күнөөсүн кечирип кой, өз үй, өлөң төшөгүңө барып оокатыңды кыл кагылайын, эми жиндилигин коюп тынч жашайт, - Жамалкан келинине карады.

- Бир жолку дейсизби, бир эле жолубу ушул иши, канча түндү көз жашымды төгүп өткөрбөдүм, кантип калп айтасыңар, бир эле жолу болсо ошол үйдөн кетет белем?! - деген Соно сыздап ыйлаганда Кененбай:

- Балам, сакалымды сыйлап эми бир тилибизди ал, бул акмак дагы бир жолу сүйлөсө өзүн сабап, мен сени жеткирип берем, - деди.

- Кызым, улуу кишилердин шагын сындырба, улуу башын кичүү кылып, кадырын салып турат, Токтогул биздин адамгерчилигибиз кайсы, кандай болсо да, үй ичинен чечели, киргиле куда-кудагый, - деди Толкун аларды үйгө чакырып.

- Кой киргиле, ушу наристе үчүн да бет карашабыз, келиниңер кеткен күндө да Артыкбай бизди сүйлөштүрөт, - деп Токтогул уялгандай ордунан турду. Ошентип аркы-беркини айтып, ары кетип, бери кетип жатып, акыры Сонону алып кетишти. Көпкө чейин Кубанычбек унчукпай жүрдү. Бирок экөөнүн ортосу абдан супсак, көздөрү бири-бирине муздак бойдон калды. Өз тиричилигин жасап, келиндик милдетин аткарып жүрө берди. Күндө эри менен жаакташып урушканын угуп, Жамалкан келинине негедир башкача болуп калды.

- Ой келин, эр дегенди антип кыйкырып башкарбайт, ушу өзүңдө окшойт кесепеттин баары, сен аны теңиңе албайт окшойсуң, тай туйлап такка конмокпу, алтын баштуу катындан бака баштуу эр өйдө дегендей эриңе тике карап сүйлөөчү болбо! - деди бир күнү.

- Өзү сүйлөп жатса, дудук эмесмин го апа, кой дегендин ордуна кайра таламын талашасыз да?

- Опэ-эй ботом, тилиң кантет, улуу кишинин сөзүн угат жаш неме, каяша кылбайт, дарт десе балээ деп эле, балам байкушту кыйнадың го?

- Балаңызды мен кыйнабай эле, мени кыйнады, - Соно тилин тартпай такылдады.

- Эмне болуп кыйналып кеттиң, мени менен жаакташпай ишиңди кыл! - деди да Жамалкан ичкери кирип кетти.

Ошондон тарта Сонону жөн эле жининдей көрө баштады, күндүзү кечке нанын үкөккө бекитип коет да, ал эшикте жүргөндө чалы экөө чай ичип, тоюп жыйнап коет. Кубанычбек келгенде ага ченеп нан берчү болду, Соно чай ичип жатса акырая карап:

- Дегеле кардың тойбойт экен, деги бирдеме көргөн немесиңби? - деп асылып калчу болду.

Бир күнү эшикте Кубаныч экөө чөп жыйнап жатышкан, Шүкүрбек келип калды, аялы эки баласы менен келип, Соно менен сүйлөшүп калганда Шүкүр Сононун бешилигин ала коюп чөпкө жардам берип калды. Анын бул мамилеси Кубанычка жага бербеди. Кийин тамак жасап жатканда Салый ичте жүргөн, кемегеге от жагып жаткан жеңесине отун жарып, от жагып берип жатса ого бетер жаман болуп тишин кычырата ары-бери басып жүрдү. Өзү эңкейип жардам берүүнү ойлоочу да эмес. Алар тамак ичкени кирип кеткенде Соно кемегедеги казанды жууп жаткан болчу, Асанбек келип калды:

- Оо кандай Соно, Кубанычбек үйдөбү?

- Ооба үйдө, кир.

- Чакырып эле койчу.

- Өзүң кирбейсиңби?

- Шашылышмын, Кубанычбек экөөңөргө жыргал да, эчтеке менен ишиңер жок үйдөсүңөр, биз аялым экөөбүз керээлден кечке кой артындабыз, жаанда же күн күйгөн кезде эс алмай жок.

- Койду таштасаң болбойбу? - Соно күлө карады.

- Кайдан, көнүп калганбыз да, бекерчиликтен тажап кетебиз.

- Анан эмнеге бизге суктанып жатасың, тынч отургуңар келсе койду таштап, бекерчиликке көнгүлө.

- Кой, бекерчилик болбойт, Соно, чакырып койчу Кубанычбекти.

- Макул айтайын, - деп Соно кирип келатканда, алдынан кумсарган Кубанычбек чыга калды.

- Эмне…

- Сенде жумуш бар экен, - Соно ушинтип коюп кирип кетти.

- Мендеби же сенде бекен жумушу, - Кубанычбектин бул сөзү Асанбекке угулду, ал ичтен тына укмаксан боло ага кол сунду:

- Кандай Куке, менин сенде жумушум бар эле.

- Мендеби жумушуң, же шылтооңбу? - Ал керсейе сурады.

- Ой ата-а, сенин мындайыңды билгенде келбейт элем. Классташтар чогулуп жатат, Кулубай балалуу болуптур, көрүп коелу дейт.

- Мен барбайм, мен эбак балалуу болгом, кимиңер келип койдуңар эле, катынымды эле акмалаганды жакшы көрөсүңөр.

- Ту-уй ата, ушундай белең, ар кимибиздин катыныбыз бар го, бойдок эмеспиз, - Асанбек ага таңгала карады, - Ушунчалык кызганасыңбы, кызгана тургандан кызгансаң боло.

- Кызганган жокмун, эскертип жатам, эгер бир жигин билсем таарынбагыла!

- Кой кеттим, сен ит экенсиң, теңтуштарыңдан кызгана берсең коколой каласың, - Асанбек чыйт түкүрө басып кетти.

Кубанычбек анын артынан карап туруп, үйгө кирди, ал күнү иниси бала-чакасы, аялы менен үйдө бапырашып, Соного эчтеке дей албады. Эртеси артынып-үртүнүп алып Шүкүрбек аялы экөө кетти. Эки баласын таштап кетти.

- Ушу сен Шүкүр менен да, Асанбек менен да соо эмессиң, мен жокто кыйшыңдашып калат окшойсуң? - деди ээндей калганда Сонону зекий.

- Дагы баштадыңбы, адам оюна келе турганды ойлосоң боло, кудайга күнөөкөр болбой, - Жини келе карады күйөөсүн.

- Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат деп, сен мени ким деп жатасың? Бир нерсеңди уксам таарынба!

- Эмнемди угасың, керээлден кечке казандын башындамын, ушу энең экөөңдүкү өттү, жаным тынбай иш кылып жатсам да нанын, тамагын бекитип мага көрбөгөндү көрсөттү, сенин айтканың бул, тажадым силерден!

- Эмне, тажасаң эмне отурасың, кете бербейсиңби, ачка калдым, тамак бербей койду деп.

- Кеткенди эми көрөсүң! - Жулкуна ичке кирип баратканда, Кубанычбек аны кармап калды:

- Кетесиңби?

- Кетем!

- Кайда?

- Жетим кыз эмесмин, күтүп алчум бар!

- Көрөм! - деди да Кубанычбек жаакка чаап жиберди, - Сен азыр эри бар аялсың, өзүңдү-өзүң билчү бойдок эмессиң уктуңбу, менсиз эч жакка кете албайсың.

- Эмне, мени коркутуп, кордоп жашатмаксыңбы?

- Жашабай көр!

- Жашабайм!

- Мына сага, ойношторду даярдап алгансың да ээ, менден кетсең көңүлүңдү ачаарың дайын, ээн-эркиндик керекпи?

- Кандай ойлосоң, ошондой ойло, - Соно да тилин тартпай ого бетер жаакташып жатканда, Кененбай кирип келди:

- Ой бала, эмне болуп жатасың?

- Эчтеке, өзү эле долуланып жатат, - Кубанычбек ары кирип кетти.

- Ооба, мен сенин кылыгыңдан улам долу болуп калдым! Ата, мени балаңыз айтууга аргасыз кылган жосунун айтып берейин: кичүү балаңыз Салыйдын күйөөсүнөн, Асанбектен, дагы үйгө келгендерден кызганып азапты берди, уялууга да алым калган жок, күнөөм кайсы менин, айыпсыз айыптуу болуп токмок жеп жүрө беремби? Ушундан көрө мен кетем, деги ойдогудай аял алып алсынчы, мен кыйналдым! - Эчкирип ыйлап ийди Соно.

- Ок наалат алгыр, жүзүң кургур десе! Мен жооп бердим, балам, бара бер! - деди Кененбай келинин карабай туруп, - Адам уга турган иш кылсаң боло, кайсы кудай урган уялашынан аялын кызганат? Акмак, атаңдын оозуна… - деп чыгып кетти.

Соно кийимин алып, кайненеси менен беттеше түштү, Артыкбайды жетелеп кирип келаткан:

- Кайда сен?

- Үйгө.

- Эмнеге?

- Биротоло кетем, баланы бериңиз, - Баланы колунан алып көтөрмөк болгондо, Жамалкан жулуп алды:

- Өзүң кете бер!

- Өзүм кетпейм, баланы алып кетем, ушундай атасы баланы кантип тарбияламак эле?

- Пай-пай-па-ай, сага караганда жакшы эле тарбия берээрбиз, кайсы кудай аткан келин кайненесине тикелей каяша айтчу эле? Сени энең ээн жайдак кылып өстүргөн тура, тастаңдап каяша бермейин турбайсың! Бара бер, балама кыз алып берем, сен эрсиз каласың!

- Ой катын, сени кудай урдубу, жаш немени эмне эле урушуп жатасың, баланы алса алсын, алдагы келесооңду тыйчы, андан көрө, - Кененбай эшиктен үн катты.

- Ал келесоо деп, келиниңе жан тартып сөзүңө турайын дегениң го. Келесообу-акмакпы, экөөбүздүн балабыз, кайдагы бир тартиби жок өскөн неменин алдында басмырлагыдай ашыкча балам жок, кетсе кете берсин! - Жамалкан баланы көтөрүп, ички бөлмөгө кирип кетти.

Соно көзүнүн жашын көл кыла үйдөн чыгып кетти. Кененбай үшкүрүнө отуруп калды. Кубанычбек бөлмөдөн чыккан жок: "Кайда бармак эле, кайра келет да, бала турбайбы", деп көңүлү ток эле.

Сононун бул келиши Токтогулдун көңүлүн чөгөрүп кабатыр кылды, канткен менен ата, баласынын бактысы тынчын алып, өзүнө-өзү нааразы болуп жүрдү, эчтеке деп айтпады. Соно көпкө чейин баласын ойлонуп ыйлап алат, алар көп өткөрбөй дагы келишти, бул жолу келгенде Жамалкан алынын жетишинче келининин күнөөсүн айтып жатты, ал абысыны Селки экөө келген.

- Кудагый, кызыңарга кандай тарбия бергенсиңер деги, күйөөсүнө алкылдап сүйлөп, каяша айтып тилин тартпайт, күйөө дегенди аял сыйлаш керек, - деди.

- Ботом, болбогонду айтып зээнин кейитип жатса, таштан деле үн чыгат эмеспи, өзү жаш болсо Кубанычбек отуздан ашкан немени аяп койсо болмок, айрыкча өз жатындаш инисинен кызганганы эмнеси, уккан элге шылдың болгудай кеп го, же бул кызгангыдай жалгыз жарым калбаса, өз көз алдыңарда жүрөт го. Кандай айтсаңар да өз балабыз, тынч эле бололу, көңүлүңөргө толбосо толчудай келин алып алгыла, баламды кордукка таштай албайм, - деди Толкун дагы сөздүн ток этээр жерин айтып.

- Апей ботом, кордук көрүп эмне? өз үй, өлөң төшөгү, баласы турат. Акыл-насаат айтып, кой-ай дейт экен десе бул эмне дегениң кудагый, келинимди алып эле кетем, - Жойпулана күлүмүш этти, - Эмнеге башка келин алам, өзүмдүн келиним болот.

- Болбойт кудагый, ушуну менен канча ирээт эшигибизге ыйлап келип отурат? Жаман келинди кетирип, сиз дагы силкинип алганыңыз жакшы. Соно өз тагдырын эми өзү чечет, буга чейин биз билдик, балапанынан күйөөгө бердик, эми көз жашын көргүбүз келбейт.

- Кудагый, андай дебегиле, жеңем айткан сөзүн кайра алат, байкабай айтып алган го. Ырас Соно али жаш, бирок ортодо баласы турбайбы? - Селки сөзгө аралашты, - Кайра-кайра келин алыш, кайра-кайра аял алып, күйөөгө тийиш деле кыйын, көнүп калган күйөөсү, эми бизден кеткенди кечирип келинибизди алып кетели.

- Ооба, туура айтат кудагый, - Жамалкан жыпылдай Толкунду карады, - айткан сөзүмдү кайра алдым, Сонону экинчи капа кылбайбыз, өз оокатын жасап жүрө берсин, кокус бөлүнөм десе бөлүп коелу.

- Соно, кел бери, - Толкун ички бөлмөгө мойнун бура үн катты, - Өзүң чеч, кандай кылаарыңды. Буга чейин сенин келечегиңди канчалык ойлоп бактылуу болсо экен деп тилесек да, пешенеңе жазганын көрдүң, өзүң жооп бер! - дегенде Соно чыгып келип апасынын жанына отурду да:

- Мен кайрылып барбайм! - деди жер карап.

- Кой айланайын, талашаар-тартышаарың болбогондон кийин өзүңдү-өзүң билип, өтүгүңдү төргө илип жашай бер, балам, - Жамалкан келинине жылмая карап жойпуланды, - Капырай, бир кемпир-чал экенбиз, экөөңөр ынтымактуу болсоңор эле бизде эмне…

- Ооба десең, ата-эне баласын ынтымактуу-бактылуу болсун дейт эмеспи, аны балдар билбейт экен да-а, - Селки шыпшынып койду.

- Мен эч жакка барбайм, эки жарым жылдын ичинде канчаны көрдүм, билгизбей ыйлап-сыктап чыдап жүрдүм, эми чыдай албайм, эгер берсеңер баланы алам, бербесеңер амандыгын тилейм! - Соно ордунан туруп кетип жатканда Жамалкан:

- Ой келин, кой антпе, эгер барбайм десең баладан кечтим деп, алакандай кагазга жазып бере сал! - дегенде Толкун чыдабай кетти:

- Жамалкан, жакшы ой, жакшы тилек менен кудалаштык эле, бул эмне деген сөзүң? Көрсө баш маңканын баары өзүңдө турбайбы, кайсы эне өз баласынан кечтим деп жазып берет, өзүң айтчы?

- Капырай, баласы туруп барбайм десе айтам да, балалуу аял эрден чыгабы?

- Сай-сөөгү чагылып, жетээр жерине жетсе баарынан кечүүгө туура келет, бирок баладан макулук дагы кечпейт. Болду эми, сөздү бүтүрөлү.

- Ии-ий, кызыңарды дагы башкага бергенге даярдап койгонсуңар го, ооба ошондой го, болбосо эне-ата кызды акыл-насаат айтып үйүңө бар дебейби? - Жамалкан кергиштей дагы бирдеме демек болуп калганда Токтогул кирип келди:

- Кыскасы, кызым эми барбайт. Баланы баксаңар баккыла, болбосо алып келип берээрсиңер! - дегенде Жамалкан менен Селки бири-бирин карап тура жөнөштү.

- Көрөөрмүн, Кубанычбектен жакшы эрге тийгенин, дагы далай көрүшөбүз өлбөсөк, - деп кетип жатып кергиштеди.

Эч кимиси үндөгөн жок, баласын ойлоп ичи тызылдаган Соно ыйлап жатты: "Тагдырым ушундай беле, жыйырмага чыкпай жатып эки күйөөдөн чыктым, мурунку күйөөнү го билбей деле калдым, жаш экенмин. Баламды кантип унутам, кудай ай", деп ойлоп заманасы куурулуп турду…

Айшакан буларды угуп алып, эжесин акыйып карап, эми көрүп тургандай көптө барып анан:

- Ай-ий эже, сиздин башыңыздан көп нерсе өткөн тура. Ошол балаңызды айтып жатасызбы?

- Ооба сиңдим, мен азыр элүү экидемин, Артыкбайым отуз бешке келди, эмдигиче үйлөнүп-жайланып калгандыр, көрсөм дегенде эки көзүм төрт, же кайрылып бара албадым, өзү издеп келбеди, балким энең өлүп калган деп койгондур, эки жаштагы бала эмнени билмек эле, ишенип калат да? - Соно оор үшкүрүп алды.

- Азыркы жездеме кантип жолугуп калдыңыз анан? - Айшакан кызыга дагы сурады.

- Кубанычбектен кеткенден кийин үйдө көпкө жүрүп калдым. Жакшыбек үйлөнүп, бир балалуу болуп калган, ал келип жолугуп жүрдү, бирок анын үйүн бузгум келбеди, өзүмдүн балам бирөөнүн колунда калса, анын аялынын жүрөгүн ооруткум келбеди…

- Ии-ий эже, ич күптүңүз көп тура, - Айшакан шыпшына ичиркенип алды, - Жаталы эми, сиз үшүбөдүңүзбү?

- Үшүгөн деле жокмун, - Телмире отуруп калды.

- Анан жездеме кантип жолукканыңызды сурабадым беле, унуткан турбаймынбы?

- Мейли эми, түн бакырдыкы дейт эмеспи, уйку келгиче айтса айтып берейин. Кубанычбек кайра-кайра келип тынчымды ала берди, кээде ичип алып келет, кээде жанында жолдошу менен келип мага жолукканы ар кимден чакыртат, мен ага көрүнбөй качам, анан он-чакты күндөй дайыны чыкпай калган, сайдан суу көтөрүп, эки-үч келин болуп келатсак алдыбыздан чыкты, кайда качаарымды билбей жүрөгүм дүк-дүк этип чакадагы сууну бакандап көтөрүп зорго басып келатам, жер карап эптеп өтүп кетмек оюмда, ал алдымды тосо ийнимдеги баканды кош колдоп көтөрүп алды да жерге койду:

- Соно, кандайсың? - деди анан.

- Жакшы, - Зорго жооп берип чакаларымды ала коюп басып кетмек болгонумду сезип, эки колумду бекем кармап, - Эмне качасың Соно, кеттик үйгө, мен баары бир үйлөнбөйм, менден кеткенди кечир! - деп жүзүмө үңүлдү, мен ыйлап турам, жанымдагылар тоскоол болбойлу дештиби кетип калышты, - Кеттикпи, Соно?

- Барбайм!

- Эмнеге, таарынычың таркай элекпи?

- Таарынган жокмун, жашабайм сени менен - мен чыйрала түшүп ага карап жооп бердим, - Жашабайм дедим го?

- Жашайсың, эмнеге жашабайсың? Мен сени аябай жакшы көргөнүмдөн кызганам, жадагалса чымындан дагы, сени өөп жаткандай сезилип кетет, түшүнчү мени, Соно.

- Болду эми, үйдө апамдар күтүп жатат, сууну алып барышым керек.

Өтүп кетүүгө аракет кылсам да, колумду кое бербей туруп алды:

- Жооп бер, мен сенден ажырабайм!

- Жооп бердим, мен сени менен жашабайм!

- Баланы да кечтиңби?

- Кечпейм эч качан, керек болсо алып келип бер, баламды өзүм багып алам.

- Эмнеге берем, бала керек болсо мени менен жашайсың, Соно. Мен сени жакшы көрөм, экинчи эчтеке дебейм, жашайлы мындан ары, жүрү кеттик.

- Мен сени ээрчип кеткидей жаш эмесмин, бар үйүңө бар, бекер убараланба, үмүтүңдү үз да, кетип кал!

- Сенсиз эч жакка кетпейм, - деп экөө тартышып жатканда, Толкун менен эки-үч аял келип калды.

- Эмне кылып турасың, бас үйгө, - деди ал Кубанычбекке карабай, Соного ачуулуу, - Кыйшаңдап сүйлөшүп турганыңды көргөн эл эмне дейт ыя?

- Апа…

- Болду үйгө жөнө, - Толкун эми Кубанычбекти карады, - А сен эмне кылып жүрөсүң, экинчи келбей жүр! - деп Сонону ээрчите жөнөгөндө:

- Апа, кечириңиз мени, Соно менен жашайм, ажырашпайм мен, - деди күнөөлүүдөй башын жерге сала.

- Кой балам, эми жашооңор болбойт, муну дагы кыйнаба, - деп Толкун кете берди.

- Мен баары бир келем, өзүм да аял албайм, Сонону да күйөөгө тийгизбейм, менден кутула албайсыңар! - деген Кубанычбек жолго түштү, мен ыйлап жаттым.

Атам эч ким менен сүйлөшпөй, өзүн күнөөлүү сезип жүрдү, ошол кезде Токтогулда калган атамдын бир тууганы бизди чакырып калды, көздөн далдоо болуп, Кубанычбектен кутулуш үчүн мен кошо кеттим. Ошентип Токтогулга кеттик. Саблин деген жеңем бар эле, ал мени ушул жездең менен тааныштырды. Сагынбек менен сүйлөшүп жүрүп дагы Жакшыбекти көп эстейм. Кырк жыл болду Сагынбек менен жашаганыма, үч уул, алты неберелүү болдум. Бирок уулум Артыкбайды эстегенде жүрөгүм ооруйт. Кырк-Казык деген айылда турат, төркүнүмө келгенде жолугуп көрөйүн десем кайненем көрсөтпөй койду, ошентип сүйгөн адамымдан, жанымдан артык көргөн уулумдан тирүүлөй ажырап, кырк жыл бою жүрөгүмдү зил каптап жашап келе жатам, - Соно оор күрсүнө улутунуп алды, Айшакан уйкусу келип көздөрүн бардап ачып зорго жаткан, эжесинин кейиштүү баянын угуп боору ооруй уйкуга жетеленди..

Эртеси Соно алар менен коштошуп тагдыры буйруп туз татып, үйбүлө күтүп, шаарга айланган өз жерине жол тартты.

***

Соно баласынан кабар алалбай төркүндөрүнө келип жолуга албай атайын үйүнө барды. Кубанычбек кийинки аялы менен кой багып кетиптир, кайненеси аны көрүп эле:

- Ийи, убагында баланы да карабай кетпедиң беле, эми керек болуп калдыбы, ал үчүн сен өлгөн энесиң, уктуңбу экинчи келбе! - деди алкына.

- Апа, мен баланы таштаган эмесмин, алып калбадыңар беле? Жыргаганымдан кеткен жокмун, өзүңүз билип туруп ушинтесизби?

- Эркек деген уруп-согот, сөгөт, ошого аял деген бала үчүн чыдайт, бала үчүн баарына кайыл болуп жашайт. Сен чыдаган жоксуң, эми балдарың бар экен, эмнеге келдиң?

- Кечирип коюңузчу, бир жолу көрүп алайын, - Соно ыйлап ийди.

- Болбойт, баланы көрөм деп ойлобо! - деп эшигин карс эттире жаап кирип кетти.

Соно супсуну сууй артына кайрылып, үйүнө барды да апасына ыйлап жатты. Бирок кеч болуп калган эле, баланы алар өздөрү билгендей тарбиялап, эне деген сөздү анын жүрөгүнөн алып салып, жалаң гана өздөрүн сүйүүгө көңүлүн буруп койгон. Эки күн төркүнүндө болуп, айылдагы жаңылыктарды, көбүн эсе Жакшыбек жөнүндө билгиси келди. Эненин жүрөгү сезди, сыр билгизбей сөз кылып отурду. Көрсө…

Жакшыбек дагы Соно Токтогулга кетип калгандан кийин гана үмүтүн үзүп, бир келинге баш кошкон. Ал арада агасы Багышбек кээ-кээде Даткайымдан кабар алып, барып-келип жүрүп андан айрылгысы келбей турган абалга жетет. Бирок Даткайым аны өзүнөн алыс кармап:

- Кой Багыш, сен экөөбүз эми бириге албайбыз, ушуга канимет кылалы, анда-мында жүз көрүшкөндүн өзү бакыт, сен мени сүйсөң ортодогу ыйык сүйүүнү таза сактайлы, - деп болбойт.

- Эмнеге Датка, мен сени баягыдай эле сүйөм, анда атаң каршы болду эле, эми ким тоскоол болот? - деген Багыш аны кучактап алып кое бербей өпкүлөгөндө:

- Мен сүйүүнү түшүмдө көрдүм, анын ачуу даамын сездим жашоомдо, ошол сүйүүнү түшүндө көргөндөй таза, ыйык бойдон жүрөгүмдө сактагым келет, - деп такыр жолотпой үйүнө жөнөткөн экен.

Багышбек кабагы ачылбай аялына сүйлөбөй жүрүп, өзүнөн-өзү арыктап кетет. Билинбей ичинен тарткан кайгы аны төшөккө жыкты, эки жылдай төшөктө жатып, оңолуп баратканда алардын үйүндө дагы бир көйгөй башталды. Улуу уулу Максаттын бой жетип калганынан улам үйлөнтүп, мал-салына көз болууга тоого чыгарышмак болду. Максат он жети жашта. Туугандарын чогултуп Багыш аларга сөз салды:

- Мен оорукчан болуп калдым, Максатты үйлөнтүп койбосом болбойт, ошого кеңешели деп чакырдым, - деди алсыз.

- Үйлөнбөй анан, биз турабыз, алсаң ал.

- Тиги Үсөнбайдын кызын алып берели, силер барып келгиле, - дегенде Максат:

- Мен аны албайм Гүлайымды алам! - деди дароо эле.

- Ал кимдин кызы? - Багышбек уулун таңгала карады.

- Жолоочунун кызы, мен аны менен сүйлөшүп жүрөм, - Максаттын тайманбай сүйлөгөнү аны таңгалтырды, ооруп турган жүрөгү сайгылашып, үнсүз отуруп калды.

- Аны албайсың! - деди Буудайбек туттуга.

- Эмнеге? - Максат апасын суроолуу карап, - Эмнеге апа, жакшы кыз ал, - деди.

- Мен айттым, албайсың, эмнеге деп мага суроо бербе! - деди энеси.

- Анда мен үйлөнбөйм, өзүм эле малыңарды карап тоого чыгып кетем! - Максат булкуна чыгып кетти.

Багышбектин Даткайым менен болгон окуясын билген агалары үндөгөн жок, Багышбек дагы үндөбөдү. Көптөн кийин гана Сапаралы:

- Баланы азыр үйлөнтпөй эле койгонуңар туура, антпесе бул көп сөз болуп кетет, кызуу кандуу бала - деди.

- Ырас айтасыз, азыр унчукпай эле койгула.

- Ошенткиле, - дешти акыл айтуудан айбыккан тууган-туушкандары ашыкча сөз айтпай.

- Мейли, эптеп малды бирөөгө бактыраарбыз, - Багышбек улутуна жатып калды.

Бир сөз чыкса Буудайбек ажылдаганы турат, аны баары сезишти да тарап кетти. Багышбек кайрадан ооруп калды, үйдө жаткан, бир күнү эшиктен аялынын үнү угулду:

- Ой өлүп кетпейби, мен үчүн ооруп жатат дейсиңби, кайдагы бир салынды катын үчүн эс-акылынан танып калды. Мен оорутуп койгонсуп милдет кылып азабын тарттырып, же бери болбой, же ары болбой жатат!

- Койсоңчу, - деди кулагына тааныш үн, - ооруну антип айтпа да, ооруну кудай жиберет, өзү ооруюн деп ким ойлосун?

- Жүрөк барбы ошондо, келесоодой болуп, бирөөдөн калган аялды ойлонуп, ооруп калганын карабайсыңбы?

- Кой, байкем угуп калса капа болот, - деген үндү Багышбек тааный койду, ал жакын тууганы Абыштын кызы Бүбай эле, - Кой, мен кирип учурашып чыгайын, - деп кирип келе жаткандай дабыш угулду, Багышбек уктап жаткандай көзүн жумуп алды, - Байке кандай, денсоолугуңуз жакшыбы? - деди Бүбай акырын жанына келип, - Байке!

- Аа-а, сенсиңби Бүбай, жакшымын айланайын, өзүң кандай, бала-чака чоңоюп жатабы, күйөө бала жүрөбү?

- Жакшы, баары жакшы, өзүңүз жакшы болуп калдыңызбы?

- Кудайга шүгүр, жакшы, болуп баратам, жеңең эшикте жок бекен, отур-отура гой. - Багышбек билмексен болуп сурады.

- Жеңеме жолуктум, колу бошобой жатыптыр, мен кетейин байке, үйгө келип, сизди көрө кетейин дегем.

- Нан-пан ооз тийсең болот эле…

- Жо-ок байке, шашып жүрөм, дагы келем, - деп Бүбай чыга жөнөдү.

Ал Буудайбектин сөзүнө жүрөгү ооруп, зорго турган, кетип жатып коштошкон да жок. Ал кеткенден кийин кирген Буудайбек:

- Ийи, карындашың ал-абалыңды көрдүбү? Колунда эчтекеси жок, "байкемди көрөйүн дедим эле" деп коет, деги ушу сенин пайдалуу туугандарың бар беле, "курдан кур, кудагыйдан сур" болуп эки бармагын мурдуна тыгып келишет, - деп сүйлөнүп кирди.

- Эмне, бирөөнүн көтөрүп келгенине муктажсыңбы? Кудайга шүгүр кардың ток, кийимиң бүтүн, алкылдабай жөн жүрсөң боло? - деди Багышбек жини келе.

- Оорулууну сурап, көргөнү келген киши бирдемесин көтөрө келет, ачка болуп, эчтекеге жетпей калганда алып келчү беле? - Өз оюн бербей алкынып кирди, - Дегеле силердин тукумуңарга сүйүү деген оорудан доо кеткен го, иниң экөөңөр бүтүп, эми балаң сүйүп калыптыр, ошончодон бир салбардын кызын сүйөм дегенин кантесиң?

- Болду дейм, өзүм зорго турганда сенин какшаганың өтүп кетти.

- Мага дагы сенин өлбөй-житпей жатканың өтүп кетти, - дегенде Багышбектин жини келип обдула калды.

- Андай болсо азыр кет, энеңи урайын, өлсөм дагы сени көрбөй өлөйүн, жогол азыр? - деп бакырганда сырттан Максат кирди:

- Эмне болду, ата?

- Энеңди көзүмө көрсөтпөй жогот, менин өлүмүмдү тилеген аялдын кереги жок!

- Кантип, эмне дейт? - Бала эчтекеге түшүнбөй, ата-энесин алмак-салмак карап элейди.

- Ооруп жатып, эсинен кете баштаган го атаң, молдо алып келип дем салдыралы, чакырып келчи, тиги Молдобай молдону, - Буудайбек ого бетер жинин келтире сүйлөдү.

- Жогол азыр, мен сага талак бердим.

- Эмне-е?! - Буудайбек күйөөсүн көзүн чакчайта карады, - Эмне дедиң?

- Талак, үч жолу айтам, талак бердим, экинчи көзүмө көрүнбө!

- Жинди болдуңбу Багыш, "ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө" деген, кайра ал сөзүңдү, - деп Буудайбек бүжүрөй жакындады, - Ачууң менен чыгып кетти ээ, сөзүңдү кайра аласың ээ, Багыш?

- Жогол, мен өлгөндө да келе албайсың! Болду, мага сүйлөбө! - Багышбек ары карап жатып алды.

Буудайбек бир бозоруп, бир кызарып отуруп калды. Максат эмне болуп кеткенин билбей ордунда катты. Күнөө кимисинен өткөнүн баамдай албай атасынын жанына келди:

- Ата, сага эмне болду?

- Эс-акылым жайында, ушундай катын менен жыйырма беш жыл жашаганыма өкүнөм, - тескери караган бойдон сүйлөдү, - Өлбөй-житпей койдуң деп жатпайбы, же силер дагы жададыңарбы? - Жүзүн уулуна бурду.

- Эмнеге тажамак элек ата, жакшы болуп кетсе экен деп эле ойлоп жатабыз.

- Анда энең тажаптыр, бул үйдөн караанын көрбөйүн, өлсөм өлөөрмүн, өлбөсөм көрөөрмүн, эми бул катындын кереги жок мага!

- Кечирчи Багыш, оозумдан чыгып кетти, кайра алчы сөзүңдү, - Буудайбек ыйлап отурду, - Курган жаным, кайдан да чыгып кетти, байкабай сүйлөп албадымбы?

- Талак үч айтылгандан кийин бүттү, сен эми менин катыным эмессиң. Алчуңду ал, балдарды да ал, мени ташта, калганын бүт алып кет!

Багышбек аны карабай ушинткенде Буудайбек:

- Эй бала, кетесиңби мени менен? - деди жин тийгендей кыйкырып, - Кетсе кетем, сенден кеткенде эле өлүп калмак белем, жашап кетем мен деле, төркүн-төзүм бар, - кийимдерин жыйыштырып, буюмдарды дагы бууп-түйүп алып сыртка чыкты.

Эки баласы келаткан, эң кичүүсү ондо, Максаттан кийинкиси он үчтө эле. Аларды булкулдата жетелеп алды да кийимдерин кийинтип дароо эле үйүнөн чыгып кетти. Максат алар кеткенден кийин:

- Ата, туура кылган жоксуңар, апам эмне, ошончолук катуу айттыбы? - деди башын жерге салып.

- Андан өткөн жаман сөз барбы?! Мен өзүм зорго жатам, ал келип "өлбөй-житпей азабың өттү" деп аңкылдап жатса.

- Апамдын кыялын эми көрүп жатасыңбы ата, анын мунусу калбайт да, - деп ордунан турду, - Тамак ичесиңби?

- Бар болсо алып кел.

- Азыр, ысытып келейин.

- Макул, балам.

Ойлуу жатып калды: "Мейли, ырас болду, дегеле келбесинчи ошол, көргүм да келбей калды, балдарга эле кыйын болбосо, мен кутулганыма тобоо", деп алды. Максат олдоксон кыймылдап, дасторкон жайып, тамагын алып келди да, алдына коюп берди.

- Ата, жаз алды менен малды айдап кетсем, сен үйдө жалгыз кыйналасың го?

- Эртең эжеңе барып кел, бир кызын жөнөтсүн, мени карасын, буйруса жакшы болуп калам.

- Макул, ата, - Максат тамагын ичип жыйнай баштады, - Чай ичесиңби, ата?

- Бир чыны кайнак суу берчи.

- Мына, - Максат чыныга кайнак суу алып келип берип, чыныларын жууп, Багышбектин жанына төшөгүн салып жатып алды.

Бала неме бат эле уктап кетти, Багышбек түнү бою уктабай чыкты, Буудайбек менен өткөргөн жыйырма беш жылдагы өткөн өмүрүн көз алдынан өткөрүп жатты, чынында ал мурда үндөчү эмес, кээде атырылып бир тийип, алкынган кыялы мурун деле бар болчу, Багышбек бакырып, сес көрсөтүп койсо, унчукпай калчу. Өзү ооруп жатканда, айткан сөздөрү жүрөгүн тешип, бычаксыз канатты. Катуу көңүлү калды, аялын көргүсү келбей турду. Таң аппак атканда ордунан зорго туруп сыртка чыкмак болуп араң басып жөнөдү. Салкын, таза, эртең мененки абадан көңүлү сергий түштү: "Эх жараткан, денсоолук бере көр, жаткан оорудан сакта, көз каранды кыла көрбө", деп кылдырап басып жүрүп анан кайра кирди. Ал кирип келатканда Максат туруп жаткан:

- Ата, сен басып калдыңбы? - деп кубанып кетти.

- Ооба балам, оорунун үстүнө кажылдап сүйлөй берсе, соо киши кесел болоор, - деп баласын жадырай карап, ордуна келип жатып калды.

- Ата, сен күчтүү тамак ичишиң керек, көптөн бери төшөктө жатканга алсызданып калгансың го?

- Ошондой го, семизирээк мал да жок, баары бооз, баары төрөгөн субайлар, айла канча, арыкчылык балам.

- Мен семиз улак таап келем, сени өзүм дарылайм, - деп Максат эшикке чыгып кетти.

Шыпты тиктеп жатып уктап кетти, түш көрүп жатыптыр, апасы менен жолугуп кайдадыр баратат, бир кезде өзүнүн үйү экенин билгендей болду, бир кезде апасы: "Уулум, абдан кыйналдың го, мынабу тамактан ичип алчы", деп кесеге тамак куюп берди, "абдан таттуу экен, өзүң дагы ичпейсиңби апа", десе: "Кой балам, ал сенин ырыскың, менин иче турганым башка, иче гой, аялыңды алып кел балам, аны кетиргениң болбойт, балдарың турбайбы, аларды бөтөн элге калтырба, эми үйүңө бар балам, тур өйдө үйүңө бар", деп жатканда ойгонуп кетти. Негедир карды тойгонсуп калган экен, ордунан козголду: "Байкуш апам, ал жакта жатып дагы менин кыйналганымды сезип жаткан экен, буйруса жакшы болуп кетет экемин", деп ойлонуп өйдө болду, денеси жеңилдеп калыптыр. Туруп дагы эшикке чыкты, күн төбөгө келип калыптыр: "Ушунча уктаган экемин, Максат кайда кетти экен", деп короонун четине басып барды. Ошол кезде карындашы Карлыгач менен Максат келаткан экен, бир козу жетелеп алган.

- Байке, кудайым ай, карааныңдан кагылайын байкем, туруп басып калыпсың го, кудай жар болсун, байке! - деп кучактап ыйлап калды Карлыгач.

- Кантет, кой ыйлаба, мына жакшы болуп калбадымбы? - Багышбек күлгөн болуп Карлыгачтын чекесинен өптү, - Кой эми, сен чоңоюп калбадыңбы?

- Байке, кудай ай, көрүп алып кубанып кетпедимби, мени чоңоюп калдың дедиңби, чоңоймок турсун картайып баратса.

- Анан эмне дейин, Максатты карап чыктым эле.

- Мынабу козуну сойдуруп, ысык тамак берип, өзүм карайын деп келдим, кыздар карай алмак беле. Жеңем эмнеге кетип калды?

- Кетсе кете берсин! - деди Багышбек, бирок түшүн эстеп, - Куран окутуп коелучу, апам түшүмө кирип жатыптыр, - деди үйдү көздөй басып баратып.

- Мейли, куран окутса окутуп коелу.

Максат өзү эле арыдан бери козуну союп, бат эле жиликтеп койду. Багышбек ичинен кубанып, уулунун кыймылын карап эшикте отурду. Карлыгач ичегисин артып, арыдан бери кайнатма жасай койду. Үчөө отуруп тамактанды. Багышбек түшүн айтып берди. Куран окуп, ата-энесине атады да жатып калды. Карлыгач көпкө жүрдү, Багышбек абдан жакшы болбосо да, акырындап оңолуп баратты, коңшу-колоңу, туугандары эртели-кеч келип көрүп турушту. Ооруну сураган айыкканга тете дегендей эртең менен эрте келишет да, көпкө отуруп кетишет. Ан сайын көңүлү көтөрүлүп, кийими тазарып, бир топ сакайып калганда Карлыгач:

- Байке, мунуңар болбойт, жеңемди эми көрдүңүз беле, анын кыял-жоругу өлгөндө сөөгү менен кетпесе оңолбойт. Балдарыңар турат, үчөө тең чоңоюп калды, - деди агасын карап, ал үндөбөгөн соң, - Мен барып алып келейин, - деди.

- Өзү келсин, мен эмес өзү күнөөлүү.

- Ал эми өзү келбейт го?

- Келбесе тим кой, ошол эки бала менен батып көрсүн төркүнүнө, - деди үңүрөйө, - Өзүнө-өзү кылды.

- Эми кейигенден айткандыр да, болбосо айтмак эмес.

- Ата, кечирим сурап жатса да болбой койдуң го?

- Кечирим сураганы курусун, жаман сөзү жүрөккө жеткенден сурабаса койсун!

- Койчу эми байке, мен бир барып келейин.

- Өзүң бил, өзү келбесе койсун, балдарды жөнөтсүн.

- Мейли, мен барып сүйлөшүп келейин, - Карлыгач кийинип алып жөнөдү.

Аралыгы жакын эле, балдар келип калмак жибербей жаткан болчу. Карлыгачты көрүп, үйгө кирип кетти. Карлыгач анын кыялын билчү, ошол үчүн таарынбады, сыр билгизбей эшигине жеткенде, он жашар уулу Акмат чыга калып кучактап калды. Аны өөп:

- Урмат кайда? - деди Карлыгач.

- Ал ойноп жүрөт.

- Апаңчы?

- Үйдө.

- Үйүңө, атаңа кете турган оюңар барбы?

- Апам жибербей жатпайбы?

- Атаңды жаман көрөсүңбү? - деген Карлыгач эшиктин туткасына кол сунду, кирип келип Буудайбектин жатып алганын көрүп акырын, - Жеңе! - деди. Укмаксан болуп жата берди, - Жеңе дейм, катуу уктап калгансыз го? - деп төшөктү тартып, түрткүлөдү эле тура калды:

- Ии-ий, уктап кеткен турбайынбы. Кел, качан келдиң?

- Көп болду, байкемди карап жаттым, үйгө качан барасыңар, жеңе?

- Эмнеге барам?

- Апэй, өз үйүңүзгө барасыз да? - Карлыгач күлө сүйлөдү, - Акем болсо басып жүрөт, баягыдан жакшы болуп калды.

- Болсо боло берсин.

- Кой жеңе, балдарыңар чоңоюп баратат, өзүңөр кудайга шүгүр болуп, орто жашап калдыңар, келин аласыңар, анан ушинткениңер болбойт да? - деп Карлыгач түшүндүрмөккө аракет кылып жатты.

Буудайбек ыйлап отуруп:

- Талак дегенде нике бузулат да, эми жашай албайбыз, жашаганда да мурункудай болбойт, ал менин көңүлүмдү калтырды, - деди.

- Үч бала турганда бири-бириңерден көңүлүңөр калбайт жеңе, биз деле урушуп-талашабыз, силерге арызданып келип жатамбы? үйбүлө болгондон кийин болот да. Эстүү жансыз, мен азыр бара берейин, өзүңүз балдарды алып барып калыңыз, ээ?

- Ойлонуп көрөйүн, мен деле бала эмесмин да, сен барсаң бар, көрөм да, - деп кала берди Буудайбек.

Карлыгач кайра келип айтты эле Багышбек унчукпай кол шилтеп койду, анысы: "Келсе келсин, келбесе тим койсун", дегени болчу. Бир айга чейин улам үйүнө барып-келип агасын карап, абдан тыңыганда кетти. Максат кирип-чыгып, малды үч-төрт маал карап, чөбүн салып, сугарып жаны тынбайт. Жазга маалкы суук бети-колду аймалап, эртең менен кечинде чыкылдап турган кез. Аба ырайы бирде жаркырап, күн тийип турса заматта алай-дүлөй түшүп бороон-чапкынга аралаш алгачкы жаздын жамгыры жаап, дегеле күн бербеди. Багышбек суукка байымы жок болуп, мешке отту жагып алып, түбүндө отура берчү болду.

- Койчу байке, уруш-талаш кимде болбойт, балдарды аягыла да, чоңоюп дагы калышты, кудайга шүгүр, минтип жакшы болуп баратасыз.

- Карлыгач, ошол менин жакшы болуп кетишимди күткөн жок, өлбөдүң же житпедиң деп жыйырма жылдан ашык жашаган аялым айтып жатса ойлобойсуңбу, көңүл калат экен да…

- Аныңыз туура дечи, апам деле түшүңүзгө кирип айткан тура, балдарыңды башка жерге койбо деп, ойлоп көрүңүз, - Карлыгач агасын карап калды, - Айтканы үчүн ал деле өкүнүп жатыптыр, бирдемеге капа болуп турганда айтып ийсе керек?

- Баары бир, ушуну төрөбөй жүргөндө, беш-алты жыл күтүп жүрдүм, менден башка бирөө болсо кетирип иймек, - деген Багышбек улутунуп алды.

Карлыгач унчукпай казан-аягын кармап, алаксып кетти. Максат болсо үндөбөй мал карап, кирип чыгып жүрөт. Ошол күнү көп ойлонгонбу Багышбек дагы түш көрдү. Түшүндө апасы босогодон көрүнүп: "Ай, балам ай, туура эмес кылыпсың, балдарыңды жаныңдан чыгарбай койсоң болмок, эми кеч болуп калды, эки бирдей жакыныңдан айрылдың, келиндин да келээр маалы болуп калды, кой мен аларды күтүп алайын, көп кыйынчылыктарды башыңдан өткөрөсүң, аман жүр балам", деп көрүнбөй калды. Чоочуп ойгонду, көргөн түшүнүн бирин эстесе, бирин эстей албай кыйналып, эшикке чыгып түн ортосунда басып жүрдү: "Туура эмес кылдың дейби, дагы кандай азап көрөм, бул не деген сырың жараткан, жаман сөзү этимден өтүп, сөөгүмдөн чучукка көзөп жетип жатса, унчукпай коюшум керек беле?", деп таң атканга кыйналып кыжаалат болуп, таң атаары менен аялына бармак болуп атын токуп кирди. Эшикке чыккан Карылгач:

- Каякка, байке? - деди аны көрүп.

- Буудайбекке барайын, балдарды дагы жибербей койду, - деп аттанаарда короосунан бей тааныш адам кирип келатты. Анын ким экенин бүшүркөп тааныганча:

- Сизди чакырып жатышат, - деди.

- Ким?

- Тиги-и Бексултан акелердин үйүнө, - дегенде кайнатасынын атын уккан Багышбектин жүрөгү болк этип алды. Аңгыча эки-үч киши менен катын-калачтар аларды көздөй келатты. Багышбек менен Карлыгач делдейе карап туруп калышты. Ошол кезде жанына келген коңшусу, алтымыштардан өткөн карыя:

- Багышбек, тагдырдын буйругу экен, аялың менен кичүү балаң өтүп кетиптир! - дегенде ал эмне угуп, эмне болуп жатканын түшүнө албай бакырып кирди:

- Балаң, аялың дейсиңерби, кайда-каякка өтүп кетет, эмне дейсиңер?! - деп бирөөсүн кармай жулкулдатып ийди.

- Эсиңе кел айланайын, кичүү уулуң менен аялыңдан айрылып калдың, кайрат кыл кагылайын, жаңы эле сакайдың эле, кудайдын кылганы экен, - деп кары кемпир жанына келип колтуктаганда.

- Жо-ок, жо-ок!!! - деп турган жеринен чөк түшө башын муштагылап жатты.

Максат кыйкырган үндөн улам ойгонуп чыгып, атасынын ыйлап жатканын көрүп, делдейе карап калды. Карлыгач бир жерде ыйлап жатат, аны аялдар колтуктап алган.

- Кайрат кылгыла айланайын, кудайдын буйругу экен, эми үйгө алып келгенге камыналы.

- Кайрат кылгыла.

- Жазуу экен, экөө бирдей… - деп ар кимиси ар кайсыны сүйлөп жатканда Максат жүгүрүп келип:

- Эмне болду ата, эже, эмнеге ыйлап жатасыңар? - деп атасын жулкулдатканда аны эки-үчөө кармап.

- Кайрат кыл балам, Урмат менен апаңан айрылдык, - деди эле Максат ар кимисин алаңдай карап, түшүнө албай сурады:

- Айрылып, эмнеге айрылабыз?

- Олдо-о карангүн ай, дегеле башка салбасынчы, алар экөө тең түндө өлүп калыптыр! - деди эле Максат томсоро жүзү бир укмуштуудай бозоруп кетти.

- Жалга-ан! - деп жулунуп, бошонуп алып, жүгүрүп жөнөдү.

Анын артынан экөө кошо жөнөп, эки жерде боздоп жаткандарды жубатып, эсине келтирип жатты.

- Эсиңерди жыйгыла, өлүктү алып келиш керек, үй тигип тууган-туушкандарга кабар жөнөтүш керек! - дешип үйгө киришти..

Багышбек кан басымы көтөрүлүп, ошол эле жерден оозунан ак көбүк чыгып жатып калды. Эл деген эл да, арыдан-бери үй тигип, өлүктү алып келишкенде дагы ал эчтеке билбей жатты. Максат жүгүрүп жетип, бакырып-өкүрүп элге ээ бербей:

- Эмне болду айткылачы, эмне болду, ким өлтүрдү? - деп өлүктү кучактап, ыйлап жыгылганда зээни кейиген эл, аны зорго алып бери тартышты. - Эмне болду дейм, айтпайсыңарбы?! - деп таенеси менен таятасына бакырды эле, алардын айтууга чамасы келбей боздоп жатты. Акмат ыйлап турган, аны кучактап алып: - Сен айтчы, эмне болуп өлдү. Сен билесиңби? - деп кыйкырды.

Акмат эчтеке дей албай ыйлай берди. Ошентип үйгө алып келип, жайын алгандан кийин гана болгон окуяны угушту. Урмат атама барам, кетебиз үйгө, десе Буудайбек жинденип, урушуп жөнөтпөй коет, ыйлап отурган бала: "Анда сен кала бер мен кетем", десе кайтарып туруп алат. Бала неме ойноп кетет, ошондо балдардын ичинен бирөө уруша кетип: "Сенин атаң талак деп коюптур го, силерди атаңар кууп чыгыптыр, биякта тентип эмне жүрөсүңөр?" деп коюптур. Урмат апасына келип, аны айтса да кетирбей коет. Кечинде эшикке чыккан Урмат үйгө келбейт, Буудайбек аны кетип калган экен деп ойлойт да тим болуп, Акматка жиндеп бир тиет: "Сен дагы кете бер, силерге ата керекпи, менин керегим жокпу, бара бергиле, мен ушул жерде калам, өлгүчө мендей энем бар экен деп карабагыла", деп көпкө бултуңдап жатып уктап калат. Эртең менен кыйкырган үндөн улам чыга калса сулкуйтуп, атасы Урматты көтөрүп келатыптыр, бакырып жетип ала коймок болгондо баласынын мупмуздак болуп жатып калганын көрүп, жүрөгү болк эте: "Ата-а, апа, эмне болду?" дегенде атасы "муунуп калыптыр", деп үйгө кирип кетет, баланы көтөрүп үйгө кирген атасын же ыйлай албай туттуга карап туруп, мал короону көздөй басып барып, эми эле Урматтын мойнунан чечкен жипти алып, атканага кирип устунга байлап туруп өзүн-өзү асып алат. Ата-энесинен башка эч ким жок болчу, алар Акматты тургузуп, ыйлап-сыктап эмне кылаарын билбей ыйлап жатып, Буудайбекти унутуп калышат: "Бар, апаңды карачы, кайда кетип калды? Багышбектерге кабар бериш керек", деп Акматты чыгарат. Ал кайра кирип таппай келгенин айтат: "Баласы өлүп жатса, күйөөсүнө жиндеп кетип калдыбы, кайгыны көтөрө албай эмне кылып жатканын да сезбей кетип калса керек, эми эмне кылабыз?" деп, атасы эшикке чыгып өкүрүп-бакырып өлүктөн кабар бергенде колу-коңшулары жыйылып калды. Алар чогулуп, киши жибермек болуп Буудайбектин көрүнбөгөнүн айтып калганда издеп киришет. Акматка таятасы: "Торпокту эшикке чыгарып кой, эмсе эмсин", дейт. Ыйлаган бойдон чаркардын оозун ача берип, Акмат бакырып жиберет. Жүгүрүп бири бара калса, ал дагы асылып турган экен. Ошентип эки бирдей өлүктү эмне кылаарын билбей акыры кабар жөнөтүшөт. Ушуларды бойго жетип калган Максат угуп, ботодой боздоп, ичинен атасын жаман көрсө да, ага эчтеке дей албады. Анткени жаңыдан сакайып келаткан немеге кайгынын зардабы катуу тийип, эч нерсе билбей тиштенип зорго жаткан эле. Карлыгач менен Асылай экөө ыйлап отуруп да ага карап жатышты. Жакшыбек өкүрүп, Акмат менен Максаттын жанында. өлүктү койду ырасмын жасап, эки өлүктү бирдей жерге беришти. Багышбекти улам дем салдырып, оозуна суу тамчылатып жатып кичине көзүн ачты. Ал уулу менен аялына топурак салмак тургай, өкүрө алган жок. Ал убакта доктур деген айылда жок эле, чөп дарыларды жасап берип, табып карап жатты. Бирок анын денеси салдай болуп кыймылга келбей сулк эле жатып калган.

- Ушундан өлбөй неге тирүү калдым, - деди ал эсине келип тили күрмөлгөндө, - Ошондо эле албайбы кудай.

- Койчу байке, өлүмдү айтпачы, мына эки бирдей адамыбыздан айрылганыбыз жетээр, - Карлыгач жубата сүйлөдү, - Андан көрө жакшы болуп кетейин десеңиз.

- Жакшы болуп кайсы күндү көрөм ыя, бул кордуктан мурун мен өлсөм болбойт беле? - Ыйлай албай муңканып сүйлөдү, - Менин кесиримден болду го, чырагым Урматты айтсаң, анын кандай күнөөсү бар эле? Он гүлүнүн, бир гүлү ачылбай кетти го каралдым.

- Ойлоно берип ооруп каласың эми, өзүңө дагы карачы, кудай жакшылыгын берсе дагы көрөөрүң көп байке, Максат менен Акматты үйлөнтөсүз, небере көрөсүң.

- Ким билет, ошол күнү дагы апам түшүмө кирген, мен анын тилин алып мурун киргенде барсам өлбөйт эле да, - деп оор улутуна чарчагандай жатып калды.

Бир туугандар кеңешип агасын бакканга бирөөсүн калтырмак болду. Жакшыбекти кал дегенде анын аялы ай-асмандан кетти:

- Эркек киши болсо, мен кантип карайм, аял болсо бир жөн, анын үстүнө ишим калат, биякка келгенде үйдө отуруп эмне табабыз, балдарды багышыбыз керек да?

- Эң кичүүсү, болгондо дагы иниси, агасы эмес атасындай болуп калган, ата-энеси өлгөндө бул беш-алты жашар бала болчу, бакканга милдеттүү да, анан иниси турса карындаштары келип карамак беле? - деди Абыштын аялы.

- Түшүнүп жатам дечи, балдарды кантебиз, алар дагы эми эле чоңоет, байкени багып биякта жүрсөк, бизге бирөө бермек беле? - деди тастаңдаган Айсулуу.

- Болду, мен калам, сен кетсең кете бер, ишиңди иштей бер! - деп орой айтты Жакшыбек.

Айсулуу унчукпай калды. Ошону менен баары чечилип, үй-үйүнө тарашты. Эки карындашы кырк ашына чейин отуруп, анан кыркы өткөндөн кийин абысындары келип алып кетишти. Багышбек тили сүйлөп, көкүрөгү соккон менен денесине таш бастырып койгонсуп кыймылдабайт, аны Жакшыбек өзү тосуп, ары оодарып, кээде артына бийик коюп, жөлөнүп отурганга ылайыктап, колуна ашты кармай албагандыктан өзү ичирет. Кээде Максат же Акмат тамак берип, кыскасы өлөйүн десе да, эч ким ага мүмкүнчүлүк бербейт эле: "Жок дегенде буту-колум иштесе мен дагы муунуп өлүп алат элем, ушул жалган дүйнөнүн жыргалынан кууралын көп көрдүм", деп ойлонуп кетет. Бирок жан таттуу деген ырас ко, карды ачканда тамак ичип алат, ичпей коеюн дейт бирок болбой эле ичип-жеп жашап жатты. Карлыгач менен Асылай сүйлөшүп алып, бир жумада бири келсе, кийинкиде бири келип, кезек менен каттап агасынын ал абалын билип турушат…

Багышбек көп жыл бою төшөктө жатып калды. Максат малын алып жайлоого чыгып кеткен. Бирин-бири сүйгөн эки жаш кеңешип туруп, түндөп аны алып кетип калды. Гүлайымды өгөй апасы кордоп, уруп сабаганынан улам качып кеткен. Даткайым жалгыз тамда өзү менен өзү. Бир күнү Гүлайымды Максат түндөсү ага жеткирип, өзү кайра кетип калды. Экөө сүйлөшүп, эки-үч күн турмак. Эне бала ыйлап отурду. Экөө көптөн бери көрүшө элек болчу. Жолоочудан коркуп, ички үйдө жатышып алып, Гүлайым көз жашын төгө:

- Апаке, эмнеге кетип калдың, мени өгөйдүн колуна таштап коюп, өзүң болсо, жалгыз ээн үйдө отурасың, - деп шолоктойт.

- Кызым, менин тагдырым ушул болду, айла канча, сен эле өз бактыңды тапсаң болот эле, бойго жетип калдың, Жолоочу адамды түшүнбөйт, анын түшүнүгү жок.

- Атамды жаман дебейм апа, ал мага жаман айтпайт, жанагы Орозгүл апам, мени, атам жокто уруп, жаман сөздөрдү айтат, апаң деп сизге асылат.

- Мени жаман десе, кудай бардыр ага дагы, мейли кызым, бирок жашоодо туңгуюк-белгисиз окуялар болуп кетет, жашсың сен, бирөөнү сүйүп калуудан алыс бол! - деп Даткайым кызынын жүзүнөн өөп, кучактап өөп, - Сүйүү деген сырдуу-азаптуу да, армандуу күндү алып келчү нерсе, жетсең да, жетпесең да, көп машакаты бар… - деди улутуна.

Эне бала ошентип отурганда, Жолоочу Орозгүлдүн кулагынын кужурун алып, урушуп отурду.

- Сен деле бала төрөгөн аялсың, эмнеге Гүлайымга өч болдуң, ал бойго жетип калды, эми аны кайдан издейбиз ыя, таап келбесең, ошонун артынан өзүң да жогол!

- Мен эмне кылыптырмын, чоңойгон кызга акыл айтканым эле болбосо, жаман эчтеке кылган да жокмун.

- Сен жанын кейитпесең кайда кетет?

- Кайдан билейин?

- Изде!

- Кайдан издейм?

- Мен азыр Даткайымдын үйүнөн карап келейин, кокус ага барбаса эмне болду, ызасы менен өлүп калса кантти? - деп камчысын сүйрөй сыртка чыкты. Ага-инилеринин үйүнө барды, бирок эч жерде жок, акыры Даткайымдын үйүнө түн киргенде келди, аттын дабышын уккан Гүлайым бут кийимин алып, эски керебеттин алдына кирип кетти. Үйгө кирип эле, эки жакты караганда, Даткайым ага:

- Эмне болду? - деп сурады.

- Эчтеке, жалгыз элесиңби?

- Жалгыз болбогондо…

- Мейли анда, - деди да Гүлайымдын жогун айта албай чыгып кетти. Даткайым жылмая карап унчукпай терезеден шыкаалап карады эле, атына минип жөнөп кетти.

- Апа, атам кеттиби? - деп Гүлайым шыбырай сурады.

- Кетти, сени жок деп айталбай кетти.

- Сенден коркту окшшойт? - Керебеттин алдынан чыга келип, күлүп калды.

- Менин кетип калганыма Орозгүл апамды урушуп жаткан чыгаар, мен, ал урушса да, айтчу эмесмин.

- Кагылайын десе, эмне кылайын, ансыз дагы сени ойлонуп жүрүп, чачым агарып бүттү, көрүп турасың, үңкүйгөн үйдө жалгыз күн кечирип отурам, өмүрүмдүн акырына чейин ушул үйдө жашап өтөм…

- Апа капаланбачы, мен сизди жалгыз калтыра албайм, эми сиз менен гана болом, - деп ыйлап жатты Гүлайым.

- Ыйлаба кызым, мен эмне картайдым, сенин бактылуу болуп, бир үйдүн келини болгонуңду көрсөм арманым жок эле… - Даткайым мостоюп туруп, ойлуу кызынын жүзүнөн сылады, негедир көзүнүн жашы соолуп калган сымал томсоруп отурду, - Сен тынсаң болду кызым…

- Апа.

- Оов.

- Сиз сүйгөнүңүзгө жетпей калдыңыз беле?

- Эмне дейт, ким айтып жүрөт?

- Уккамын.

- Кимден?

- Айтпайм.

- Тентегим, мен сүйүүгө ишенбейм, жаштыгыңда жалындап турган кезиңде сүйүү деп, дубанадай ак ура берет экенсиң да.

- Апа.

- Дагы эмне…

- Мен бирөөнү сүйөм…

- Эмне-е?

- Ооба апа, мен Максатты сүйөм апа, эгер силер макул болбосоңор биз качып кетебиз, - Гүлайым Даткайымдын алдына башын коюп алып, колунан кармап алган, телмирген эне кызынын сөзүнөн улам жүрөгү солк этип, жан дүйнөсү кышкы аяздагы жалбырактай бүрүшүп отура берди, эмне демек, сүйүүнүн азап-тозогун тартып, өзү ушул абалда турса, кайсы кеп чыгат андан, - Апа, эмнеге унчукпайсың?

- Ыя?

- Мен Максат менен качып кетем.

- Каякка?

- Баш ооган жакка.

- Кантип кызым, кандай күндө каласыңар?!

- Садагам ай, кандай күндө жаралдым эле…

- Апа кейибечи, эгер атам каршы болбосо, сенин жаныңда болом, Максат экөөбүз сизди жалгыз калтырбайбыз.

- Мени кой, өзүңдү сакта кызым, тоскоолдук болсо, сүйүүнүн кадыры да калбайт, эч ким түшүнбөйт, андан көрө жашоонун ыргагына карап, өмүр сүргөн дурус…

- А мен Максатсыз жашай албайм апа?

- Тагдырга тан берген жакшы кызым, пешенеңе Максатты жазса, анда бактыңдын баары садага?

- Эмне кылышым керек апа?

- Билбейм кызым…

- Максат деле менсиз жашагысы келбейт, алда качан эле качып кетмек болгонбуз, апасы менен иниси өлүп калбадыбы…

- Ээ кокуй, кимдин баласы ал Максатың?

- Багышбектин.

- Эмне - ээ? - Даткайымдын жүзү бозоруп, кулагы тунуп, көзү караңгылап отуруп калды.

- Эмне болду апа?

- Жолоочу Багышбектин баласына сени бербейт.

- Эмнеге?

- Ошондой кызым, атаң аны менен жоо, анын атын укканда, сени аерге койбойт кызым, ал ошондой өзүмчүл адам…

- Анда… анда биз билгизбей качып кетебиз.

- Кой кызым, элден журттан азган кантип болсун, тааныган адам болбосо, күтүп алаарыңар болбосо, бөтөн жерде курубайсыңарбы? - Эне кызынын чачынан сылады, акыл-эс менен ойлонгула, мен ак батамды бергенден башка аргам жок кызым…

- Алтыным апакем десе, неге чогуу болбодук, эгер чогуу болсок, мен бактылуу жашамакмын, мен дагы азап көрмөк эмесмин…

- Бул тагдыр кызым, эч кимге өктөө-таарынычым жок, эмки менин болгон тилегим сенин гана багың, Максатты мага жолуктур, өзүм бир сүйлөшүп көрөйүн, байкайын кандай жигит экенин, көзүм көрүп сынайын, - деп күлүп койду. Экөө түнү бою сүйлөшүп чыгышты, уйку аралабады, өкүнүчтөрүн айтып, Гүлайым түгөтө албай бирде ыйлап, бирде күлүп отура берди. Эртеси Максат түш ченде атасына оокат-аш, сүт-сүзмө май алып келип, ал-абалын көрүп, анан Даткайымдын үйүнүн тушуна барып, ышкырып туруп калды. Гүлайым аны көрдү да.

- Апа, Максат келди! - деп Гүлайым жүгүрүп, чыгып кетти.

- Карангүн ай! - деп ордунан туура калды Даткайым, - Түбөлүгү түз болсо болду го ушулардын, куураган Жолоочу кара мүртөздүгүн карматса, кызымдын көргөн күнү не болот кудай ай, Күкүк менен Зейнептей кан какшап калышпаса болду… - деп күнгүрөнө сыртка карай акырын басып чыгып, бирок айбыгып босогого туруп калды: "Эмне деп ойлойт, үйгө алып кир десем болмок экен", - дегиче экөөнүн дабыштары чыгып, кирип келе жатышты, Даткайым өз ордуна барып отуруп калды.

- Жакшысызбы? - деп кирип келди Максат.

- Жакшы айланайын…

- Кир Максат, отур бир аз, чай ичип чык, - деди Гүлайым кубанычтуу күлүмсүрөп, Максат тартынчыктай көчүк басты.

- Отура гой балам, - деген Даткайым, бир көз карашта өткөн күндөрү көз алдына тартылып: "Аттиң Багышбектин эле өзүнө окшош туура, байкушум ай, ушу балдарыбыз тилегине жетсе гана, биздин бөксөбүз толуп, өкүнүчүбүз кубанычка айланаар беле…", - деп өз ою менен алышып отурганда Гүлайым:

- Апа, сизге эмне болду? - деди жаадырай.

- Эмне болсун балам, эчтеке болгон жок, чайдан иче гой балам, атаң жакшы болуп калдыбы?

- Жакшы, эми дурус болуп баратат.

- Жакшы болуп кетсин…

- Рахмат сизге!

- Жайлоодосуңбу балам?

- Ооба.

- Мал-жан аманбы, кыйынчылыктар жокпу?

- Жок, кудайга шүгүр апа.

- Айланайын, кудай жар болсун.

- Рахмат, анда мен чыгайын, - Максат дасторконго бата кылып өйдө болду.

- Жакшы жүр айланайын, Гүлү узатып кой кызым.

- Макул апа, - Гүлайым экөө ээрчише сыртка карай чыгып кеткенде, терезеге келди эне, алар кол кармашып турган экен, Даткайым оор улутунуп калды: "Чиркин өмүр өттү го арман менен, өксүп-өксүп күнү-түнү көз жаш төккөн, сүйүүнүн рахатын деги бир көргөн барбы? Мен сүйүүгө суусап-какшап катып келем" - деп Багышбектин сүлкүлдөгөн кара мурут кезин эстеп, көзүнө жаш алды, бүткүл денеси сүлкүлдөп ыйлап жатты…

Ошол жылы күзүндө Багышбек Жакшыбек менен Карлыгачка кеңешип, Максатты үйлөнтмөк болду. Бирок ага кайсы кызды айтса да болбоду, анын оюн түшүнүп турган Багышбек онтолой минтти:

- Уулум, мен болсо бар жоктун ортосунда жатам, ошол акмак сага кызын бермек беле, экөөбүздүн ортобузда өчүбүз бар…

- Кандай өч ата, силер карыбадыңарбы, ошол өчүңөрдү биз үчүн кечип таштоого болбойбу?! - деди Максат жандана.

- Уулум, мен алда качан кечкемин, ушул акыбалымда мага кектин эмне кереги бар, бирок Жолоочу андай адам эмес…

- Кызын жакшы көрсө, ал деле макул болот да, барып көргүлө.

- Азыр кызы кайда, кетип калыптыр дебеди беле?

- Ал апасында, керек болсо, мен аны жайлоодон ары кыштоого алып кетип калам, болбосо башка жакка!

- Мени таштаппы? - Багышбек башын көтөрө калды.

-Таштайм деген жокмун, Гүлайымды бербесе алып кетип калам, быйыл кыштоого үй салып койдум, - дегенде, Багышбек чоочуп кеткенин, өзү да билбей калды.

- Кыштоодо эмне бар?

- Жашайбыз.

- Сен бала ойлонуп, сүйлөп жатасыңбы?

- Силер качан Гүлайым экөөбүзгө уруксат бермейинче ошол жакта калабыз, - деди тартынбастан Максат.

- Мм, - Оңдонуп жаткан Багышбек онтоп ийди, иттин гана баласы десе, буту-колум соо болсо, Жолоочуну ооз ачырбас элем, минтип кор болуп турганымда карачы?! - деп колун жума өз жаштыгындагы өткөн күндү эстеп жиберди, - Аттиң, кайталанбашы керек эле, кайталанган тагдыр тилегине жетиш керек.

- Ата, эмне дедиңиз? - Максат атасын таңгала карады, - Эмне кайталанды?

- Эчтеке уулум, илгертен бири-бирин сүйгөн жаштарга каршылыктар болуп келген, жашоодо адамдардан баарын күтсө болот.

- Жакшыбек акем барып келсин…

- Барат дечи, Жолоочу аларды уят кылып кубалабаса болду, мен соо болгондо эмне, алып качып келип, өзүм сүйлөшөт элем, - деп оор күрсүнө жатып калды. Ошол күнү анын жүрөгү ооруп жатты, аялы да ошондон кызганып жүрүп, өлүп тынбадыбы, эми кандай болоор экен: "Балаң кургур, баш тартпайт го, баягы менин өзүм, эмне кылыш керек", - деп ойлонуп жата берди. Максат кечинде Даткайымдын үйүнө ачык эле барды, анткени Гүлайымдын эшикте бирөө менен турганын көргөн бирөө Жолоочуга айтып коебу деп коркот. Анын үстүнө болочок күйөө баласына ичи жылып: "Кызына тең болчу жигит, экөөнү кошуп кое көр жараткан", - деп кудайга миң мертебе жалынып-жалбарып жүргөн кези. Жолоочу Гүлайымды эч жерден таппай кайра Даткайымга келип:

- Даткайым, кыздын энеси сенсиң, эгер Гүлайым ушул жерде болсо ачык айт, ал эч жакка кетпейт, мен сенден эми алып кетпейм, аман-эсен болсо болду, - деди жумшара.

- Рахмат сага, Гүлайымдын келгенине көп болду, көргөн кордугун, уккан сөзүн эстесе, кайрылып баргысы келбейт, өзү дагы, - деп Даткайым муңкана сүйлөдү.

- Мейли, мен ата экенмин, жанында көп боло албайм, кеч түшүндүм, кыз энеси менен болушу керек экен, иши кылып бактылуу болсун, - деди да чыгып кетти. Ушул убакта дагы Гүлайым жашынып калган, угуп туруп кубанганынан ыйлап чыга калды.

- Атам макул болдубу апа, мен эми коркпой сиз менен бирге боломбу?

- Ооба садага, ал аргасы калбаганда каршы болбоду окшойт, башка балдары болбосо бир жөн, сен менин жанымда болосуң эми каралдым, - Эне бала кучакташып туруп калды.

- Эми Максат экөөбүзгө эмне дээр экен апа?

- Аны билбейм кызым.

- Менин бактылуу болушумду ойлосо, каршы болбос ээ апа?

- Ишене албайм кызым…

- Эгер каршы болсо өлөм деп коркутам, - деп жатканда Максат эшиктен кирди.

- Жакшысызбы апа?

- Жакшы балам, кел-келе гой, - деди да Даткайым, аларды ээн эркин сүйлөшүп алсын дегендей, сыртка чыгып кетти.

- Гүлү, мени атам үйлөн деп жатат, мен сенден башкага үйлөнбөсүмдү айттым.

- Эмне деди? - Кыз жаадырай карады.

- Сенин атаң каршы болот деп жатат, экөөнүн ортосунда эмне бар экенин билбейм, бирок атам каршы эмес.

- Атам каршы болсо, мен өзүмдү-өзүм өлтүрөм Максат! - деди кыз шарт кетип.

- Эмнеге, а мен кантем?

- Сени билбейм, а мен сенден ажырап, жашагым келбейт.

- Мен дагы сени менен өлөм!

- Анда чогуу өлөбүз, атам көнбөсө, мен эч качан жашабайм.

- Качып кетпейлиби?

- Каякка?

- Мен жайлоодо жүрүп, үй салып койбодумбу, жашай беребиз.

- Ошол жакка барбай коебу?

- Барса да көрдүк, ошо жерден өлүгүбүздү жүктөп келе берсин! - деп Максат кызды карады, - Гүлү, мен сенсиз жашай албайм.

- Мен дагы.

- Качан кетебиз анда?

- Адегенде атама киши жиберип көр.

- Ансыз деле эртең Жакшыбек байкем менен Карлыгач эжем барышат, ошондо сөзсүз сага келем, каршылыгын билдирсе, сөзсүз качып кетебиз, макулбу?

- Макул.

- Даяр тур, жакшы кабар болсо, күндөгүдөй эле келем, эгер жаман кабар болсо, камынып чыгам да, сырттан ышкырам, - деп Максат чыгып кетти. Гүлайым унчукпай кала берди, ойлору чачкын, атасынын ар бир кыял, жоругун көз алдына өткөрүп жатты, сырттан кирген Даткайым.

- Максат кеттиби?

- Ооба апа.

- Тез эле кетип калды го?

- Шашылыш экен, атасы үйлөн деп жатыптыр…

- Анан эмне дейт?

- Атасы каршы болбоптур, менин атамдан чоочулап жатышат.

- Атаң ошондо-ой кызым, ал кызык гана адам, өзүнүн билгенин кое бербейт… - Даткайым ичинен сызып турду, балалык кездеги жалындаган жаштык сүйүүсүнүн суу сепкендей жалп этип өчүп, өмүр бою арман менен өкүнүчтү жүрөгүнө катып, көңүлүнүн төрүндө бир адамдын атын катып жашап келе жатканы арылгыс арманы эле. Андан да Багышбеги аман-соо жүрүп, алты саны аман болсо, бир жөн басып, барып ал-абалын биле албаганы көкүрөгүнө көк түтүн толтуруп, думуктуруп келе жатат. Гүлайым өз ою менен Максаттын өзүнө болгон сүйүүсү толкундантып, жаш жүрөгү элеп-желеп болуп, алдынан күчтүү дайра, ала салган сел келсе да, кайра тартпоого ичинен ант берип турду.

Максат киргенде, Багышбек башын көтөрдү.

- Кызыңа бардыңбы уулум?

- Мм, - такала түштү, - Ооба.

- Апасы жакшы жүрүптүрбү?

- Жакшы эле…

- Жолоочу кызын апасына чындап эле бериптирби?

- Ошондой го, көптөн бери апасы менен.

- Жакшы экен.

- Ата, өткөндө Гүлайымдын апасы бир дары чөп берем деди эле, мен унутуп калыпмын, эмкиде алып келип берем.

- Кандай дары экен?

- Сизге жакшы деген, ичип да жуунуп көрсө, сакайып кетет дейт, эртең эле алып келип берейин ээ?

- Андай дарылыгы бар болсо, унутканың эмнең уулум, сен менин минтип жатканымды ойлоп кабатыр болсоң, унутпайт элең уулум, андай дарыны дароо эле алып келиш керек.

- Эртең менен эрте барып алып келем, - деп Максат уялып калды. Багышбек андан кийин үндөгөн жок: "Асылым менин, бизди тагдыр кошподу, экөөбүз бир дарыянын эки жээгинде калдык, эми ушул балдарыбыз биз жетпегенге жетип, биз көрбөгөндү көрүп, өксүбөй өмүр өтөсө экен, ата-бабанын арбагы колдоп, бири-бирине жетип, бактылуу болушса болду", - деп онтоп алды.

Эртеси Жакшыбек менен Карлыгач, чоң эне деп койчу улуу агасынын аялы болуп, Жолоочунун үйүнө келишти. Орозгүл сыртта жүргөн, аларды жакшы тааныгандыктан тосуп алды.

- Келгиле-келгиле, бу кандай шамал айдап келип калдыңыздар?

- Келип калдык, үйгө конок келсе ий дебей тоскон кыргыз элбиз, илгертен ата-бабабыз коюу короолош, аштыгы ороолош болуп, коюн-колтук алышып жашап келген эмеспи, - деди кары Сейдегүл отуруп жатып.

- Ооба-ооба, сөзүңүздө калет жок, отуруңуздар чай ичиңиздер…

- Жолоочу жок беле?

- Ал бир жакка кетти эле.

- Агасы менен жеңеси үйүндөбү?

- Үйүндө эле го…

- Балдардан жиберип, чакыртчы айланайын.

- Макул эне, сиздин сөзүңүздү эки кыла албайм, - Орозгүл чоңураак баласын жүгүртүп, Сейитбек менен Апалды алдырды.

- Келгиле, оо кайдан бу, тынчылык элеби? - Сейитбек кирип келип, аларды көрүп, саал жыйрыла түшкөн менен сыр билгизбей учурашты.

- Келдик, коюн-колтук алышкан, конок келсе чогуу конок тосушкан бир эл, бир журтпуз, ала-кула ичибизде катылган, кастыгыбыз жок достугубуз ашынган коңшу элбиз… - дегенде Сейитбек:

- Макалдатып сөз айтып, макалдатып көп сүйлөбөй, Сейдегүл ачык айта сал, келген жөнүң эмне, келчү эмес элең дегеле, достошо турган кеп болсо аны угалык, ылайыгы келбесе касташпайлы, таарынышпайлы…

- Жолоочу жок экен: "кеңешип кескен бармак оорубайт", - дегендей ал болсо дагы, жакшы болоор эле, - деди да, Сейдегүл Жакшыбек менен Карлыгачты карап калганда, Жолоочу үйгө кирип келе жатып, босогону аттабай бир саам оозуна сөз кирбей туруп калды.

- Кир, - деди Сейитбек ага, - үйүңө кудайы конок келсе, келдебей туруп калганың эмнең?

- Таңгалып турам, бири-бирибиздин эшигибизди кыяматка чейин аттабай турган адамдар үйүмө келгени… - Жолоочу акырын үйгө кирип отуруп жатып, - Эшиктеш туруп, босогону аттабагандар кандайча келип калганын түшүнсөк болоор бекен? - деп кекээрлей күлгөн болду.

- Жолоочу, биз сөөк өтчү душман эмеспиз, жайылган коюбуз бир жайытта, кечкисин бир короодо, аштыгыбыз бир ороодо болуп, кыз алышып келин алган уюкулуу журтпуз, сөздү баштасак, сенде кыз бар экен, бизде уул бар, эскини эстен чыгарып, кудай кошсо, куда бололу деп келдик.

- Кандай куда, кайсы балаңарга, мен силер менен куда болмок турсун бир дасторкондо отурайын деген пейлим жок! - деп Жолоочу ордунан туура калды, - Мен эч кандай сөз уккум келбейт!

- Кыз менен бала сүйлөшүп алыптыр, бири-бирин сүйөт экен, эми жаштарга тоскоол болбойлу! - деди Сейдегүл.

- Сүйүү, сүйүү дейсиңерби?! - Жолоочу ачуусу катуу келгендиктен жүзү кумсарып кетти, - Он алтыга чыга элек кызды азгырбай, балаңар жөн жүрсүн, болбосо, мен аны атасынын жанына жаткырып коем!

- Жолоочу! - Жакшыбек туура калды, - Атасына асылба, андан көрө адамча сүйлөп, бар же жок деп кой, сага биз жармашып калбайбыз!

- Силер менен адамча сүйлөшкүм келбейт!

- Кеттик, иттин үйүнө өзүнө окшош кана иттер келет, биз ушуну адам деп келгенибизди кара, өз баласына энесинин кейпин кийгизип, өзү Арстанбекче кызын журтуна коюп койсун! - дегенде жулунган Жолоочуну агасы кармап калды. Жакшыбектер чыгып кетишти. Бозого нык тоюп, ачуусу кайнаган Жолоочу кеч күүгүмдө, Даткайымдын үйүнө барды.

Аттын дүбүртүнөн улам, сыртка чыга калган Даткайым аны көрүп, жүрөгү шуу дей түштү. Артына кетээнчиктей берген аны көргөн Жолоочу:

- Ийи, мени көргөндө жүрөгүң түшүп калдыбы, күткөнүң башка беле, да-а Багышбек шал болуп жатса дагы башканы тапкандырсың, - деди кычылана.

- Эмне деп жатасың, үйдө кызың бар, укса эмне дейт?

- Укса угат да, эмдигиче далайды көргөндүр, сага келгендерди көргөн жок дейсиңби? - деп көкүрөккө түртө ичке кирди. Гүлайым ордунан туура калды, - Апаңан сүйүү романын үйрөнгөнү келген экенсиң го, кана кызым айтчы сен бирөөнү сүйүп калдыңбы? - деди Гүлайымдын жүзүнө карап, - Кызым, ачыгыңды айтчы? - деди.

- Ата, эмнени айтып жатасыз?

- Бүгүн жуучулар келди, болгондо да, менин өчөшкөн душманымдын баласына сени сурап келиптир, кана Багышбектин баласын сен сүйөсүңбү?

- Ата, ал чындык, - деп Гүлайым жер карай бергенде, жаагы шуу дей түштү.

- Анда эмне айып, айыпты жаштыгынан көр, өзүң бирөөнү сүйө албай, сүйгөн адамга тынчтык бербей эмне деген адамсың деги?! - Даткайым чаңырып, көздөрүнөн заар чачырап, муундары калчылдай түштү, - Муну чаап урганда, токтото аласыңбы?!

- Аны токтото албасам, сени токмоктойм, сен кылдың ушуну, жаныңа коюп койсо, сүйүүгө суугарып, үйрөткөндө дагы өзүңдүн эски сүйгөнүңдүн баласын сүйдүрүп! - дегенде Гүлайым экөөнү сестейе карап калды, - Ошого кантип дитиң барды?!

- Ата! - Гүлайым ыйлаган бойдон үн катты, - Мен Максатты окуп жүргөндөн бери билем, апам мага ошону сүй деген эмес, үйдө жүргөндө эле сүйлөшүп жүргөм!

- Калп! - Жолоочу эми Гүлайымды карады, - Сен энеңди калкалап жатасың, мени угуп кой, эгер ошону сүйөм-тием дегениңди уксам, экөөңөрдү тең өлтүрөм!

- Эгер каршы болсоңуз, өзүбүз деле өлөбүз деп антташканбыз.

- Эмне-ээ?

- Ошондой ата, бактыңыз, мээрим бере албадыңыз, эми өзүм каалаган адамдан ажыратам десеңиз мен жашабайм!

- Бас азыр үйгө, азыр сени өзүм алып кетем дагы, күйөөгө берем! - деп колдон алды.

- Кое бер! - деди Даткайым, ансыз да менин өлүктөн айрымам жок, азыр өлтүрүп туруп, анан кызымды алып кет! - деп Гүлайымдын колун андан бошотууга аракет кылып жатты. Ушул убакта Максат келип, сырттан ызы-чууну угуп турду, - Мен жетпедим деп, арман кылган сүйүүгө, кызым жетиши керек, бир өмүр сенин азабыңдан минтип жалгыз калдым, мына өлтүрсөң мен турам! - дегенде, кыздын колун кое берип:

- Гүлайым, үйгө бар, сени өзүң каалаганга берейин, өз үйүңдөн узап кет кызым, сени бактысыз болсун демек белем? - деди жоошугандай түрдө.

- Ыраспы ата? - деп Гүлайым жаштуу көздөрүн жалжылдата караганда, амал колдонгусу келген Жолоочу:

- Ырас кызым, мен сени жакшы көрөм, сенин бактысыз болушуңду каалабайм, - деди жылмайган түрдө.

- Рахмат ата, бирок апамдын эле жанында болоюнчу, тойго барбайбы апам, өз энемсиз кантип кетем, - деди оюнда арамы жок кыз, муңая.

- Той болоордо апаң дагы барат, биз даярдык көрүшүбүз керек, - дегенде Гүлайым кубанып кетти:

- Бүгүн мында болоюн, эртең өзүм барып калам ата, - деди эле ойлонуп туруп:

- Макул кызым, кечикпей барып кал, - деди да чыга жөнөдү, ал өз оюнда бир-эки жолу Гүлайымды келин кылып алайын деп жүргөн досуна барып, тойду тездетмек болду. Өлөм дегенинен сестенди, бирок жаш, жакшы күйөөгө берсем унутуп калат деген ойго келди: "Чоочутпайын, эртең өзү барса, эшикке чыгарбай кайтарып, Мусабекти эртелет дейин", - деп ойлоду да үйүнө кетти. Андан жашына калган Максат, ал атына минип кеткенден кийин үйгө кирди.

- Жакшысызбы апа?

- Келе гой балам, төргө өт, - деген Даткайым Жолоочунун сөзүнө ишенбей күдүктөнгөнүн кызына айта албай койду. Максат кабагы бүркөлүп, унчукпай отуруп:

- Макул болбой коюптур, демек бизди качууга аргасыз кылат окшойт, - деди көптөн кийин, - Эшигимдин босогосун аттатпайм дептир.

- Максат, атам мага макулдугун берди, эртең үйгө барам, тойго кам көрөбүз деди, - Гүлайым ага сүйүнчүлөп кирди, - Көрөсүң го, атам мени угат.

- Койчу, чын эле ошенттиби?

- Чын, ишенбесең апамдан сура, - Даткайымды күлүмсүрөй карады, - Айтсаң апа, атам айтты ээ?

- Ооба кызым, атаң айтты дечи, бирок ага ишениш кыйын, этиет бол, бир шойкомду баштап жүрбөсүн…

- Апа-а, - Гүлайым апасын делдээ карап калды, - Чын эле атамдын ою башкача болуп да калышы мүмкүн дейсиңби?

- Адамдын баары ошондой, убада берет, кайра танат, бирок өзүңө-өзүң сак болушуң керек кызым.

- Анда мен барбайм!

- Анчалык катуу кетпе кызым, өз баласына кастык кылган аталар илгертен бар, алар кастык кылдым деп ойлобойт, бирок жасап коет, ар убак өздөрүнүкүн туура көрүшөт, - Даткайым ойлуу экөөнү карады, - Силер өзүңөргө гана ишенишиңер керек!

- Апа, эмне кылышыбыз керек?

- Эч нерсе, али дайыны жок нерсени баштаганда эмне, сен бар, алардын сөзүн ук, - Максатка карады, - Сен байкап жүр, кокус бир сөз болсо, Гүлайымды аерге таштаба, - деп унчукпай калды.

- Барбай эле койбоюнбу, бүгүн түнү качып кетебиз.

- Гүлайым, балким биз жаңылып калбайлы, ал бизди ажыраткысы келбей сага сөз берген болсо, анда күтүшүбүз керек.

- Деги билбей калдым, - Гүлайым ыйламсырай карады, - Атам мага ишенимдүү эле айтты го?

- Ишеним кээде туура чыгат, кээде алдап коет, силер көп эле жүрөксүбөгүлө, кудай жар болсун балдарым, пешене дагы көп нерсени чечип коет, баары келип тагдырдан, бара көрөөрсүңөр, менин экөөңөргө ак батамды гана бергенден башка аргам жок, силердин келечегиңерди ойлоп, бактыңарды гана тилейм.

- Сизге рахмат апа! - деди Максат, - Балким ушинтип отуруп, акыры жакшы жагына айланаар, баары унутулуп, бактылуу болоорбуз, - деп Максат Даткайымга карады, - Сиз атама дары чөп берем дедиңиз эле…

- Аа-а баса, ооба-ооба, дайындап койгомун, - Даткайым туруп, ички бөлмөгө кирип, көптө чыкты, - Муну кайнак сууга демдеп ичип да, жуунуп да көрсүн, муну бир жылы менин апам колдонуп сакайып кетти эле, - деп колуна карматты. Максат кичинекей түйүнчүктү алды да, коштошуп чыкты, Гүлайым кошо чыгып:

- Максат эртең мен атамдын үйүнө барам, эгер башкача сөз болсо эле, бирөөдөн кат жазып берип ием, - деди.

- Макул, мен өзүм дагы кулактар болуп турам, атамдар болсо камынып турабыз, түз эле үйгө алып келе бер, чабышса чабышабыз деди, - деген Максат акырын аттанып жөнөп кетти. Эне бала сүйлөшпөй, түнү бою экөө эки жерде отуруп, өздөрүнчө ойго батып, сары санаа менен таң аттырды. Эртең менен баргысы келбей, чай ичип жатып:

- Апа, баргым келбей турат, атам башка бир ойду ойлогон болсочу? - деп апасын суроолуу карады.

- Мен эч нерсе дей албайм кызым, балким атаң деле ойлоноор, сенин бактылуу болушуң ага деле керек, - деди Даткайым, - Эгер ошондой эле бирдеме болуп баратса, мен силерди өзүм качырам, атамдан калган жылкылар бар, эки атты токуп берип, тиги Ак-Сайдагы тагаларыма жөнөтөм, аларды Жолоочу билбейт, бир топ дүнүйө мүлк бар, баары сеники, мен көрүмө ала кетмек белем.

- Анда барбай эле ошентпейт белеңиз, дүнүйөнүн эмне кереги бар, Максат экөөбүз бирге болсок болду да, - деп Гүлайым апасына жалооруй ыйламсырап отурганда, аттын дабышы чыгып калды. терезеге келген Гүлайым корккондой, - Атам өзү келип калды апа! - деп бүрүшө калды.

- Келсе келсин, азыр бармакмын деп кой, - деди акырын.

- Гүлү, жүрү кеттик кызым, сени жалгыз келбесин деп өзүм келдим, - деп аңгыча Жолоочу кирип келди.

- Азыр ата, мен өзүм деле чыкканы жаткам.

- Жол ээн, өзүм келдим, - деп Жолоочу босогодо туруп алды, Гүлайым ыйлагысы келсе да: "Мени Максатка бербейм десе, ошол үйдөн өлүп беремин, соо эмес, башка ою бар үчүн өзү келди", - деп кийинип чыкты да, унчукпай атка учкашты. Даткайым кызын бетинен сүйө, миң түрдүү санааны үстүнө үйүп, артынан телмире карап, узатып кала берди: "Оо кудай урган Жолоочу, сен кызымдын шорун катырбагандай элең, бир балээ болбосо экен, жалгызыма кудай жар боло гөр", - деп карап турду. Жолоочу түнү бою Мусабектин үйүнө барып, сөздү бышыктап коюп, анан үйүнө келип:

- Орозгүл, тойго камыналы, Гүлайымды Мусабектин баласына узатабыз, тезирээк берип ийбесе, апасынан бетер дастанга айланып кетет, - деди үңкүйө.

- Башынан эле соо эмес болчу, Багышбектин баласы кат жазып, балдардан берип жүргөнүн көргөмүн, Жолоочу сен аларды токтото албайсың, - деди Орозгүл.

- Эмнеге токтото албайм, Гүлайым менин кызым, ал менин сөзүмдү угат, Мусабектин баласы, Багышбектин баласынчалык болбой калыптырбы, аны көрсө жактырып эле калат, - деп ары карай басып кетти.

- Эмне кылсаң ошо кылчы, менин башым да оорубайт, тим кой десе болбойсуң, - деген Орозгүл күңгүрөнө, өз иши менен алектенип кетти. Гүлайым келээри менен ага арнап, кийим-кече тигиле баштады, Жолоочу өзгөчө бардар болбосо да колунда бар, ортодон жогору эле. Эч нерсе айтпай, сеп даярдатып, бир жумадай убакыт өткөндөн кийин конок камын күтө баштады. Ким келет, кайсы адамдар келет Гүлайымга айткан бирөө болбоду, ал үйдөн чыга албайт, кийим тиккен, төшөк-жууркан жасаган келиндер-кыздар кирип-чыгып, эч жакка чыгууга мүмкүнчүлүк жок. "Кудалар келди", - дешип дүрбөп калышканда, Гүлайым жүрөгү дүкүлдөй боз үйдүн керегесин түрө коюп, карап алып, жүрөгү катуу бир солк этип алды, Мусабекти ал таанычу. Кичинекейинен эле: "Келин кылып алам, Гүлайымды өзүмдүн кызымдай көрөм", - деп тамашалай бере турган. Баласы Нарбекти деле тааныйт. Көзүнүн жашы, ошол карап турган жерден жүзү ылдый агып жатканын сезбей: "Мени алдадың ата, мен сага нааразымын, неге ушундай жаман адамсың, мен Максаттан башкага барбайм, андан көрө өлгөнүм жакшы", - деп турганда, Жолоочунун иниси Бостондун аялы Үмүткан кирип келди.

- Кыз, күйөө бала келди, азыр бул үйгө кирет, үлпүнчөгүңдү жаап ал, кыздын көрүндүгүн берчү күйөө жолдоштору менен кирет, сенин жаныңа да кыздар келет, - деп эбиреп жатып, анын ыйлап турганын көрө чоочуп кетти, - Капырай, тою түшүп жаткан кыз ыйлачу беле, андан көрө жадырап-жайнап отурбайсыңбы, билсең ушу кезде колунан келгени гана кызды ойдогудай узатат, акем сен үчүн кандай гана кубанып куда күтүп жатат, атасынын жакшы көргөн кызысың, - деп, көзүнүн жашын аарчып, төргө отургузду, - Кабагыңды ач кызыке, Нарбек жакшы үй-бүлөөнүн баласы, колунда бар, элдин алды, кадыр-барктуу кишинин баласы.

- Жеңе, атама айтып коюңуз, мен Нарбекке тийбейм, эгер менин тирүүлүгүм керек болсо, мени кыйнабасын, болбосо ушул үйдөн өлүгүм чыгат! - деди Гүлайым ыйлаган бойдон, башындагы үкү тебетейин алып коюп, - Мен каршымын!

- Апей ботом, атанын сөзүнө каршы турган кайсы кызды көрдүң эле, кой кызыке, кудалар келип жайланышып калды, уулу оюнчу балдар менен келиптир, комуз чертип, ырдай турган чырлары бар экен.

- Эмне болсо ошол болсун, атама менин сөзүмдү жеткириңиз, үкү тебетей менен үлпүнчөктү өзүм каалаган адамга чыга турган болгондо гана кием! - деп майдалап өрүлгөн чачтарын салаалай жер карады Гүлайым.

- Мен акеме айталбайм, андан көрө унчукпай күйөө менен жүз көрүшүп кое бер, эми эле алып кетпейт, азыр куда түшүп коюп, күзүндө алып кетет, атаңдын эл караган жүзүн жер каратпа кызыке, - деп Үмүткан кызды сооротуп, жакшы сөз менен жоошутууга аракет кылып, башына үкү тебетейин кийгизди, - Сен эс-акылдуу кызсың го, атаңды да ойлон.

- А атам мен неге ойлобойт, мени алдап туруп Нарбекке бергиси бар, мен эч качан ага тийбесимди баары бир жеткириңиз жеңе, макул, бүгүн мен унчукпай коеюн, - деп жоошуй отуруп калды Гүлайым, аңгыча кыз-келиндер шарактап кирип келишти, жакын курбусу Назым анын кулагына шыбырай:

- Гүлү күйөө болчу жигит сулуу экен, - деди кыткылыктай күлүп, - Бактылуу экенсиң.

- Назым, сен мени мазактап жатасыңбы, сени жанымдай көргөн жакын курбум деп жатсам, ушинтмек белең? - Курбусун ызалуу карады, - Андан көрө, сен Максатка жолугуп, болгон окуяны айтышың керек.

- Өзү деле угуп жаткан чыгаар, эмне кыла алат?

- Мен кат жазып берем, сен жеткирип бер, - деди Гүлайым ага колундагы баракты берип, - Качан эле берип, коюшум керек эле, сен жок болуп жаттың, - деп Гүлайым ыйлаганда, Назым аны сооротту:

- Болду, ыйлабай отур, сыр билгизбе, мен Максатка жолугуп келем.

- Макул, сөзсүз ага жеткир, - деп улутуна отуруп калды. Аңгыча:

- Күйөө бала келе жатат деп калды. Кыз отурган үйгө кирип келе жатканда, эшик ачкан келин:

- Кош келдиң күйөө бала, - деп ызаат кыла колун ичкери карай жаңсады. Жүз көрүштүрүп, кыздын жанына жигитти отургузушту. Жолоочу кызын үч күн той берип, дароо эле узатмакка сөз берди. Колу-коңшу, улан кыздар тойду шынаарлап, үйдүн тегереги азан-казан, очоктордо от жайнап, казан-казан эт бышып жатты.

Максат Жолоочунун үйүнө Мусабектердин кудалап келгенин угуп, жаны тынч ала албай атасына кирди, ал өзү менен өзү болуп, оору менен алышып Даткайым берген дары чөптү ичип, жуунуп жаткан. Негедир тер чыкпай кургап калгансыган денеси жибип, бүткөн боюнан чылпылдаган тер чыгып, бир аз жылыш болгонсуп баратканын сезип калгандан бери, жашоодон үмүт кыла баштаган.

- Ата, Гүлайымды Мусабектин баласына бермек болуп жатыптыр.

- Эмне кылайын дейсиң уулум, мен минтип жатпаганда да, аракет кылат элем, айлам канча?

- Мен Гүлайымды алып качам!

- Кайда?

- Кыштоого, эч ким таппай турган жакка.

- Эсиң менен бол, эгер кыз атасынын айтканына көнүп калса, сени уят кылат уулум, сабыр кылып күтө тур, эгер сенде көңүлү болсо, өзү бир кабар кылат, - деди Багышбек оор күрсүнө, - Чабалдык жигитке жарашпаган мүнөз болот, сен жигитсиң, сабыр кыл, - дегенде Максат унчукпай чыгып кетти. Карлыгач үй ичин жыйып, агасынын үйүндө туруп калган, уул-келини бар, келип-кетип турушат, Максатты үйлөнтүп коюп, өз үйүмө кетем деген ойдо. Эшиктен кирип келип, агасына демделген чөп менен ысык тамак бермекке дасторкон жайды.

- Какен, - деди Багышбек, - Максат бир жакка кетип калбасын, көз болуп тур, ушунун менин жолумду улап калганын кара, курган жашоо ай, колумдан келсе ушунун жүрөгүн сыздатпай өз каалганына жеткирбейт белем? - деп муңкана үнү каргылданып кетти.

- Кайда бармак эле байке, сыртта эле жүрөт. Жолоочунун кызы жөн эле үрдүн кызындай болсо да эмне болуптур, тиги Арпачынын кызы татынакай болуп, бой жетип калыптыр, ошону ал дебейлиби?

- Ошого курган бала болоор бекен…

- Мен ал кызды атайын чакырып келем, анан анын артынан өзү эле чуркайт, - деп Карлыгач тамагын берип, артынан чөптүн маңызын ичирди, - Эми тердеп жатыңыз, өңүңүз оңолуп калды, бүгүн жети күн болду ээ ичкениңизге? - деди кубана.

- Ооба, жетинчи күнү билинет, кечинде жуунуп, парга отурсам дагы билинет деп бутун кыймылдатмак болгондо, тырышып калган бутунун баштары кыймылга келгенин байкады, - Какен, бутумду аччы, кыймылдагандай болду, - деп кубанганынан үнүнүн барынча кыйкырып ийди, - Көрчү садага, бутумдун башы кыймылга келди…

- Жакшы болгон тура, - деп Карлыгач аяк жак төшөгүн өйдө кылып, бутун караса, баш бармагы кыймылдап жатыптыр, - Кудай берет деген ушул, бул чөптүн атын сурап, балдарды терип кел деш керек байке, эми жылуу жатыңыз, - деп кайра жылуулап жаап койду. Бул Багышбек үчүн табылбаган дары эле, аны Даткайым апасынын сандыгынан таап алган болчу, атын ал билчү эмес. Ошентип бир кубаныч менен бир түйшүк аны курчап турган эле…

Соно апасынан Жакшыбек жөнүндө угуп эс ала түштү, ошол бойдон атасын чакырган агасынын сөзү менен Токтогулга көчүп кетишти. Үйүндө көп жүрүп калды. Үч жылдын ичинде тотуккандай боло түштү, болгону он тогуз гана жашта болчу. Керилип узун бойлуу ак саргыл келин болгон. Акылы жетип, турмуштун ачуу-таттуусун түшүнө баштаган эле. Капысынан эле бир жеңеси аны Сагынбек менен тааныштырып койду. Сагынбек ошол кезде жыйырма бешке чыгып, күчкө толуп келин-кыз көрсө тигиле карап, тамаша айтып тийишип турган кези, бир аял алып, оту күйүшпөй ажырашып кеткен. Соно менен таанышкандан тартып, алардын үйүн шынаарлай эки көзү Сононун караанында. Бир күнү күүгүм ченде сыртта жүргөн Сонону шап колунан алды да чаркарды көздөй жетелеп, далдоого келгенден кийин ага:

- Кандай чоң келин, дегеле дайының билинбейт да? - деди күлө.

- Көчөдө жүрө беришим керекпи, сиздей жигитти көрүнөт деп, - Соно андан куру калбай наздана көзүн сүздү, кеч күүгүмдө, толукшуп толгон ай кыядан кылтыйып, жер жүзүнө нурун чачыратып болоор-болбос булуттарга бир жашынып, кайра чыгып көлдө сүзгөндөй каалгыйт.

- Соно, мен жакында үйлөнөм, тойго барасыңбы? - деди Сагынбек бир кезде токтоо, - Сени тоюма чакырып келдим, эң биринчи сен барасың ээ? - деди дубалга эки колун таяна, келиндин жүзүнө үңүлө бурчка такап алып.

- Эмнеге, тоюңду өткөрө бер, мен ошондо куттуктап, эң акыркы болуп барам, ата-энем жиберсе…

- Жо-ок, сен биринчи барасың.

- Барбайм, эң акырында.

- Барасың.

- Болуптур эми, үйлөнсөң карап турбайбыз, - деди келин шыңк эте күлүп, - Үйдөгүлөр чыгып калса уят, кое бер мени.

- Жүрү үйдүн артына, - деп жооп күтпөй эле колдон ала үйдү айлана басты.

- Сагынбек, мени элге шерменде кыласыңбы, бирөөлөр көрсө кеп кылат, эртең айыл ичинде күбүр-шыбыр сөз болсо, басалбай калбайын.

- Андай болбойт, айтчы Соно, күйөөгө качан тиесиң? - деди Сагынбек күлө карап.

- Күйөө албай жатпайбы? - Соно да тамашалай күлдү, - Күйөөм болсо, сени менен тураар белем, эшигиме жолой албайт элең.

- Күйөө болоюн сага, башка жигитиң жокпу?

- Ушул айылда канча бойдок жигит болсо менин жигитим, бир сенден башкасы.

- Мен үчүн орун жокпу?

- Жок.

- Эң акыркысы болоюн, кабыл аласыңбы?

- Жок.

- Куда түшүп келейин.

- Ага да болбойт, - деп бири-бирин тамашалап жатып, бир топто барып сөзгө келишти, Соно үйүнө кирип, көптөн кийин кайра чыкты, алардын үйү төш тарапта болгондуктан жайкы салкын абада жетелешип, кокту ичиндеги булак боюна келишти. Булак шылдыр-шылдыр этип агып жаткан, Соно эңкейип, булак суусунан кочуштап ичмек болгондо, төбөгө келип калган ай суу үстүнөн көрүнүп, кадимкидей келинди эргитип жиберди: "Жаш жүрөгүм ээлигет, жайнаган жамалыма нур чачырап, балким мен ак сүйүүмдү табаар бекем, төбөдөгү айдын нуру мээрим чачат", - деп ойлонуп калганда, Сагынбек жанаша отура калды.

- Жүрөгүң бошпу?

- Жок.

- Сүйгөнүң барбы Соно?

- Ийи.

- Ким?

- Билбейм.

- Айтсаң эми.

- Эмнени?

- Кимди сүйөсүң?

- Мен сүйгөн адам жакында үйлөнөт экен.

- Ыраспы?

- Ырас.

- Сен чын эле ошону сүйөсүңбү?

- Сөз жок.

- Тапты-ым, таптым сенин сүйгөнүңдү, мен тааныйт экенмин, - деп отурган келинди туурасынан көтөрө калып, көк чөпкө алып барды да, көпкө өпкүлөп жатты, көйкөлгөн шибер үстүндө, аймалашкан эки жаш бири-бирине канбай түн бир оокумга чейин бири-биринен бөлүнө албай, таңга маал үйлөрүнө жөнөмөк болуп, үстү-баштарын оңдоп жатып Сагынбек:

- Соно, жакында экөөбүз үйлөнөбүз, сенин жакшы келин болооруңа мен ишенем, ата-энеме бүгүн барып айтам да, эки-үч күндөн кийин алып кетем, - деди бооруна кысып.

- Билбейм, атамдын кыялы чатагыраак…

- Эмне күйөөгө бербейм дейби?

- Түшүнбөйм, эгер бүгүн үйдө болбогонумду билсе өлтүрөт.

- Ала качып кетем.

- Кантип, ала качканда болбойт го?

- Болот, ала качып кетсем, унчуга албай калат.

- Мен апам менен кеңешейин.

- Эртең кечинде келем, өзүң чыгып кал ээ?

- Кечирээк кел, эл жатканда.

- Макул, ушул булак боюнан күтөм.

- Болуптур, мен үйгө барайын, - деп Соно үйдү көздөй шашыла жөнөдү, жүрөгү элеп-желеп, оюнда Жакшыбек, ал жаштыгынын таза сезими болчу, унутулгус жүрөк ээси бойдон калып калат, аргасыз көөнүнө төп келген жигит менен кол кармашууга макул болуп, алдыдагы өйдө-ылдыйы, азап-тозогу менен кубаныч кайгысы бирге болчу даңгыр жолго ушул жигит менен өмүрдүн керемет сырлары катылуу белгисиз дүйнөнү көздөй аттанууга бел байлап, таң куланөөк болгондо, үйгө жыла басып кирип жатып калды. Бул кезде, ата-энеси таттуу уйкунун кучагында жаткан эле…

Соно ошондон тартып, Сагынбекти күтчү болуп алды. Кеч кирип көз байланганда, Сагынбек булак башында, жолугуп жүрүп сөздөрү да бүттү, ошол күнү ага жолугуп, Сагынбек кубанганын билдирди.

- Соно, ата-энеме сени айтсам макул болушту, эртең жуучулукка келишет.

- Ыраспы? - Сононун көздөрү жайнай кубанганынан жигиттин төшүнө боюн таштады, - Апам дагы сага каршы эмес.

- Мени билет бекен?

- Көргөн экен, ата-энеңди да тааныйт экен.

- Анда жакшы болбодубу? - Экөө кучакташып турду, булак суусунун шыңгыр үнү, түнкү салкын аба, айдын бүлбүл жарыгы экөөнө эш болуп, түнкү тынчтыкта экөөнүн жүрөк кагышы даана угулгандай.

- Сагынбек.

- Оов.

- Сен мени чындап эле сүйөсүңбү?

- Аябай, мен сени жанымдан артык сүйөм.

- Мурда сүйдүң белең?

- Жок, сүйүүсүз курулган үй-бүлөө, түбү жок үй кургандай болот экен, мен ага бой салалбадым.

- Балким үйлөнгөндөн кийин дагы башка бойдок келинди жактырып калсаңчы? - деп наздуу үнү шыбырады.

- Эч качан, сенден башканы карабаганга сөз берем, сен дагы башкага карабайсың макулбу?

- Сөз берем!

- Мен дагы, - деп кол алыша кетишти. Анда-мында ар кайсы жерден торгойдун үнү угулуп, сайраган чымчыктардын кооз үнү моокумду кандыра көңүлдү көтөрөт. Экөө сагынышып калгандай тулаң чөптү уйпалай бири-бирине ырахат тартуулап, дүйнөдө экөөнөн башка бактылуу жан жоктой магдырашат.

- Биздин ушул жүргөнүбүздү бирөө көрсө, эмне дээр экен?

- Билсе биле берсин, үйлөнөөрүбүзгө аз калды, жаактары жап болот ушакчылардын, - деп Сагынбек кучагына кыса өөп койду, - Биз бактылуу болобуз, сен мага кө-өп бала төрөп бересиң, балдарыбыз акылдуу, тарбиялуу болушат, кыздарыбызды күйөөгө берип, келин алып жакшы жашайбыз.

- Көп төрөгөндөн корком, - деген Соно Кырк-Казык айлындагы калган уулу Артыкбайды эстеп кетти, тамтуң баскан наристеси азыр аман болсо, бешке чыкмак: "Садагам десе, акыры бир күнү табаарсың, мен ошондо, баарын түшүндүрүп берем, сен акыл-эстүү болуп чоңойсоң, ошондо түшүнөсүң", - деп телмире ойлуу Сагынбектин төшүнө башын жөлөгөн бойдон туура берди.

- Мен көп балалуу болгонду жакшы көрөм.

- Аны кудайым өзү билет го, андан көрө кудайдан бак тилейличи, калганы кудайдан.

- Ошентсе да жүрөктөгүңдү кудайдан тилесең берет да, жаштын тилеген тилегин берет имиш, - Экөө колдорун кое берип отура кетти, көк чөптүн жыты аңкыган ар түрдүү гүлдөрдүн буруксуган жытына магдырап, бири-бирине сүйөнө отура беришти. Алды жагында туңгуюк сезилген жашоо аларга кызыктуу бир китептин бетин ачып берчүдөй күткөндөрү бактылуу өмүрдүн ширеси.

- Эмесе кетели, - Соно ордунан козголду.

- Кеттик, эртең жакшылап жуучуларды тосуп ал, - Сагынбек күлмүңдөй караган менен бүл-бүл жарыктан анча көрүнбөдү, тек эки жаш турмуштун агын суусунун жээгиндеги мажүрүм талдай жаштыгы менен эч нерсени байкоого кудуреттери жетпей, бирге болууну эңсеп турушту…

Соно жуучулар келээрин апасына айта албады, унчукпай өзү билип бою башын түзөп, үйлөрүн жыйнап, конок келчүдөй даярданган болду. Толкун ушул кезде оорулуу болуп калган, кызынын эмне жасап жатканын деле билген жок. Түш оой Кудайберди эки-үч киши менен келип калды, аялы Тургунбү да абысыны экөө келинди көрүп, сынаганы келишкен. Толкун келген конокторго дасторкон жайдырып жатып, кызынын кылган ишине ыраазы боло: "Садагам кызым ай, турмуштан тынбай мени жүрөк заада кыла турган болду, жуучунун келээрин билген экен го, эмнеси болсо дагы бактылуу болсо экен", - деп ичинен сызып, конокторуна чай сунду.

- Келген экенсиздер, сүйлөп отурсаңыздар.

- Келип калдык: "Кызы бар үйгө той түшөт", - дегендей кызыңарга куда түшүп, ылайыгы келсе, бүлөө кылып алалы деген элек, - деди Сөлпү деген иниси.

- Ооба: "Кызы бар үйгө жуучу келет, уулдуу киши кыз издейт экен", - уулумду үйлөнтөлү деп илгертен көрүп, билген силерге келдик.

- Келгениңер жакшы, ырыстууга жуучу келет дегендей келгениңерге ыраазыбыз, балдар кантээр экен? - Толкун эч нерсе билбегендей жооп кылды.

- Балдар бири-бирин жактырып калышкан экен, ошондуктан биз силердин алдыңарга келип отурабыз, - деп Кудайберди сүйлөп жатканда, Токтогул кирди:

- Келгиле, - деп койду ал башын ийкей.

- Келип калдык Токо, куда бололу деп, босогоңду жакшы ой, жакшы тилек менен аттап отурабыз.

- Жакшы экен, кайсы кыз, кайсы бала? - Токтогул түшүнбөгөндөй, аларды делдээ карап калды.

- Соно сенин кызың экен, Сагынбек биздин уул.

- Сононун күйөөдөн чыкканын билет бекен бала?

- Биздин бала деле үйлөнүп ажырашкан, экөөнүн жылдызы келишип калган экен, уруксат бер Токо, айтпай алып кетүүгө даабадык, калдайган сендей атасы, каныкей энебизге окшогон Толкун байбиче турса, уурдап качканыбыз болбос, - деди Кудайберди.

- Ошончолук ызаат кылганыңарга рахмат, менде сөз жок, балдар бирин-бири жактырса болду, - деп Токтогул айтканда Тургунбү:

- Рахмат Токо, сенин ушул жообуңду угаарыбызга ишенип келгенбиз, буйруса бүрсүгүнү алып кетели, - деди козголо.

- Той болуп турсун, келгениңерге силерге да ыраазыбыз, - Толкун да аларга ызаат менен жооп кылды.

Отургандар жабыла бата кылып, сыртка жөнөдү.

Ошентип эки жашты ата-энелери сүйлөшүп, ак баталарын берип, үйлөнтүп коюшту. Күн менен түндүн айрымасы жок, экөөнө кечтин киргени өзүнчө эле керемет болчу. Күндүзү кемпир-чалдан айбыгып, жумуштары менен алек. Бир күнү түшкө маал эшик шыпырып жаткан Соного, Сагынбек келип суу чачып жиберди, аны артынан кубалап, колуна чакадагы сууну алган Соно каткырып жүрдү.

- Жетсем көрөсүң, сениби шашпа!

- Жетсең… - Сагынбек тартаңдап, үй айлана качып жүрөт, - Жете аласыңбы?

- Жетем эле, - Соно суу болгон кийимдеринен суу тамчылай этегин кармап алып артында, - Экинчи суу чачпай турган болосуң.

- Кана-кана жетчи!

- Жетем азыр, - деп бир аттам калганда, чаканы көтөрүп туруп, чачып ийди эле, аркасына жабылып калды.

- Оов, ичикий-ий, муздак экен.

- Мага ысык суу чачтың беле? - деп Соно чаканы таштай кайра качты, - Эми жетип алчы! - деп шөлбүрөй качып баратканда, короонун эшигинен кайнатасы көрүндү, аны көрүп экөө тең токтоп калды. Кудайберди уул-келинин бир карап коюп, ичкери кирип кетти, кайненеси үйдө уктап жаткан:

- Ээ кемпир, - деди Кудайберди.

- Ийи, - Бардап көзүн ачкан Тургунбү уйкусурай күңгүрөндү, - Эмне болуп кетти, тынччылыкпы деги?

- Тынччылык эле, байбиче жашчылыктын кудуретин кара, тиги уул-келиниңди карачы, эшиктин алдында ойноп жатышат, - деп Кудайберди култуңдап койду, - Аттиң жашчылык ай!

- Апей, сен баягы өткөн жаштыгыңа өкүнүп жатасыңбы, ар бир нерсенин өз убактысы бар, балалуу болуша элек, көрмөксөн болуп кое бер да.

- Экөө кубалашып ойноп жатыптыр, мен аларды аңдыды дейсиңби, кирип келсем туруп калышты, келин бечара эстүү, эптеп төрөп түшүп алса, Сагынбекти сыйлап алаарына көзүм жетип калды, көңүлүм тынч чал, - деп Тургунбү, өйдө болду, - Эркекке жакшы аял жолукса, жаманын жакшы кылаар, мырза жигит деген атка кондурат, жаман аял жакшы эркекти дубана кылат, буйруса келиним жакшы.

- Ошондой болсун байбиче, эгерде ушул уулум өзү менен өзү болуп кетсе, биздин да багыбыз ошол да, тиги эки балаң өздөрүнчө болуп калды, кыздарың кудайга шүгүр, эми Сагынбек бала-чакалуу болуп калса, экөөбүздүн көңүлүбүз тынып, өлсөк да санаасыз кетет элек, - деди Кудайберди, кемпир-чал өздөрүнчө кобурашып отурганда, Соно Сагынбекке таарынып, кийимин которунуп жаткан.

- Таарынбачы эми, атамдын кирип келээрин кайдан билдим?

- Эми уялбай кантип үстүнө кирип, чай берем?

- Кызыксың го, алар жаш болушкан.

- Жаш болсо эмне экен, сен го баласысың, менин шөлбүрөп, сени менен ойноп турганым өтө уят болду…

- Эчтеке болбойт, атам эчтеке дебейт, - деп Сагынбек келинчегин имере кучактап өөп койду, - Капаланбачы жаным, биздин ойной турган чагыбыз экенин түшүнүшөт да, ынтымактуу болуп, ата-энебизди сыйласак болду эмеспи.

- Эми тастаңдап кантип көрүнөөрүмдү билбей турам, түшкү чайын бериш керек эле, карды ачты го кары кишилердин, - деп таарына, сырткы бөлмөгө чыгып, дасторконун көтөрүп, кайната-кайненесинин үстүнө баш бакты. Ызаат кыла сыңар тизелей калып, жер карап, чай сунуп, эки бети албыра уялып жатты, анысын алар туюп турду, ушундай ызааттуу келиндүү болгонуна ыраазы болуп алкап отурушту.

- Айла-анайын, алганың менен тең кары балам, ууртуп-чууртуп уул-кыз көргүлө, ынтымак үйүңөргө орноп, бак-дөөлөттүү болгула.

- Келинимди акыл карачачтай экен дешип, айылдагылар мактап жатса, ичимден кызганам, көз тийбесин садага, - Тургунбү чын пейилинен ага ыраазы, - Сагынбек чай ичпейт бекен балам.

- Азыр келет го?

- Келээр анда.

- Аны солдойтпой иште де балам, азыр биздин көзүбүз тирүү, кийин эмне кылып, бала-чака багат, бекерге көнүп алган болбойт, - Кудайберди уулунан кабатырлана сүйлөдү, - Бизди түбөлүк кармай алат бекен ошол жаман.

- Мейли, жаңы эле үйлөнбөдүбү, иштейт да.

- Эртеңкисин ойлобосо болбойт, кийин Соно тартат ошонун азап-тозогун, эмитен көндүр балам, бош болсоң үстүңө минип алып, эң улуу балаңдай гана азабыңды берет, - деп Кудайберди келинине айтып жатканда, Сагынбек кирип келди:

- Келиниңерди менден жакшы көрөсүңөрбү? - деп култуңдай дасторкон четине отурду, - Чай берчи мага дагы.

- Сен бар үчүн Соно биздин маңдайыбызда отурат балам, силердин эртеңкиңерди ойлоп, айтып жатабыз, бала-чакалуу болсоңор, эмеле жашоону түшүнөсүңөр, заман оңолду, баягыдай болгондо, сен бала бирөөгө жалчы болмоксуң, согуш болбогондо, бир топ ирденип калат элек, фашисттин запкысы канча элге тийди, - деп Кудайберди уулуна олуттуу карады, - Эмки заманда иштесең эмгегиңди куруттай кылып аласың, багыңар бар балам, акыл менен жашагыла.

- Иштейм ата, бала-чакамды койчу болсом да, багып алам.

- Ошент балам, өзүңөргө эле жакшы, уул үйлөп, кыз бересиңер, эл күтүп, дос-жар табасыңар, жумуру баштан нелер өтпөйт, баарына даяр болушуңар керек, балдарыңарга үлгү болуп, жакшы тарбия берүү үчүн ушундайдан кам көргүлө.

- Угам ата, силерди укпаганда, бала чагымдан эле, акыл-насаатыңарды айтып келе жатасыңар, силерди жер каратпайм, - деп Сагынбек убада бергендей, күлө честь бере чыкыйына колун тийгизип койду.

- Алдыңа кетейин десе, бактылуу үй-бүлөөдөн болгула, - деп кубана карап, көңүлдөрү жайлана кобурашып отурушту.

Жыл айланбай Соно уул төрөп алды, кайната-кайненеси кубанганынан келинине ыраазы боло, атын Кубанычбек деп коюшту. Соно ичинен тынып, эчтеке дей албады, мурунку күйөөсүнүн Кубанычбек экенин кантип айтмак эле: "Башка ат койбой, эмнеге Кубанычбек деп коюшат, унуткан адам, анан да жек көргөнүм эмес беле", - деп ичинен сызып кала берди. Сагынбек уулун колунан түшүрбөйт, уктаса жанында, ойгонсо колунда.

- Соно, - деди бир күнү уулун кармап отуруп.

- Эмне болду?

- Карасаң балаңды.

- Эмне болду дейм?

- Мага окшош экен.

- Ой ошол элеби, мен дагы коркуп кеткенимчи.

- Эмнеден коркмок элең?

- Карачы-карачы деп эле жатсаң.

- Чын эле мага окшош бекен ыя? - Сагынбек уулун колуна алды да, шыкаалай жанаша турган Соного карады, - Байкасаң, бир жери окшошобу мага?

- Билбейм, азыр ымыркай баланы эч кимге окшото албайм.

- Сен чычалап жатасың.

- Эмнеге?

- Мага окшошуп калганга.

- Неге чычаламак элем кызыксың го? - Соно таарына тултуюп калды.

- Өзүңө окшобой калса, чычалайсың да.

- Эч качан чычалабайм!

- Чычалап, ичиң күйүп, кетти го?

- Калп, ичим күйгөн деле жок!

- Айрөк-Айрөк, ыйлаарыңа беш мүнөт калды.

- Ыйлабайм, - Соно тултуюп отуруп алды, бетин жаап алган.

- Соно.

- ?

- Соно, таарынбачы алтыным, сени эркелетип тамашаладым.

- …?

- Койчу эми, таарынбасаң, - Сагынбек жанына келип, башын жапкан колдорун эки жакка тартты, - Тартчы колуңду, мен сени тамашаладым, ак чөп башта, - деп уулун жаткыра коюп, өзүн кытыгылап, өпкүлөй баштады: - Болду дейм, мен сени карабайм.

- Койчу эми, таарынба ээ, Кубаныч сага эле окшош, куюп койгондой, болдубу эми? - деп келинчегин кучактап калды, - Таарынбайсың ээ?

- Ооба.

- Уулубуз экөөбүзгө тең окшош болот, анткени биздин балабыз, эми кыз төрөп берсең, сөзсүз өзүңө окшош болот, анткени эркек бала атага, кыз бала энеге окшош болушу керек.

- Калп, мен атама эле окшошмун.

- Ырас элеби?

- Ырас айтам, эркек бала болсоң, өзүм болмоксуң деп калчу.

- Анда уулум сага, кызым мага окшош боло берсин, биз балалуу болсок, болду да ээ? - Эки бетинен чоп эттире өөп, кайрадан чукуранып, ыйлай баштаган наристени карап калышты.

- Ээ Соно, - деп кирди Тургунбү, - Баланын үнү деле чыкпайт, деги ыйлап жатабы?

- Ооба, кичине эле ыйлайт дагы басылып калат.

- Куду Сагынбекти тартыптыр, бир козголбой жата берет эле, жалаягы чылпылдаганда зорго чукуранып калчу, - деп эне жылмая, небересине үңүлгөндө, Сагынбек Соного карап, бармагын өзүн көздөй кылып, уулун көздөй көздөрүн алаңдатат: "Көрдүңбү бардыгы өзүм", - дегендей белги берди эле, ал наристени колуна алып жаткан, кайненесине кайрылып кетти:

- Апа, кимге окшошот небереңиз, деги бирөөгө окшошобу?

- Ээ кичинекейим, көлөкөм десе, бир караса, менин өзүмө окшоп кетет, бир караса, чоң атасына түспөлдөш, айтоор чоңойгондо билбесе, азыр билинбейт, - дегенде Сагынбек күлкүсүн тыймакка оозун жаап калды. Соно күйөөсүн бир карап, унчуга албай калды, - Итке окшош болсо да, аман-эсен чоңое берсин садага, уулумду мага бер дагы, ишиңе кириш балам.

- Макул апа, Кубаныч ыйлабайт деле жата берсин, колго көнүп алса, кийин баарыбызды кыйнайт го?

- Бир баладан кыйналып кетет белек, ушунуңарды моюнумдан түшүрбөй багып берем, мындан кийинкисин өзүңөр багаарсыңар.

- Биз өзүбүз биринчисин багабыз, андан кийинкисин силерге беребиз, - деп Сагынбек жайдары карап күлмүңдөп койду.

- Анда бакпайм, өзүңөр бага бергиле, - Тургунбү уулуна таарына, эшикке чыга жөнөдү, - Өзүңөргө эле кап болсун.

- Апа, таарынба эми, ме атам экөөң койнуңарга алып жатып, багып алгыла, - деп тамашалаган Сагынбек ороодогу уктап жаткан, наристени ала коюп, апасынын жолун тосо колуна карматты, - Биз Соно экөөбүз карабайбыз макулбу?

- Садага болоюн болбураган, багып эле алам, - деп колуна алган бойдон өз бөлмөсүн көздөй чыгып баратты. Сагынбек менен Соно жылмая бири-бирин караган бойдон туруп калды.

- Көрдүңбү апамды, баланы бизге бергиси жок.

- Мейли бага берсин, ошолордун эле баласы боло берсин, а сени мен карабайм, - деп Соно өз ишин жасамакка, сыртка жөнөдү. Сагынбек аны кучактап алып:

- Таарынбайм де, анан кое берем, - деп бекем кучактап, өөп алды.

- Сүйлөшпөйм, кое бер мени, жумушумду жасайын.

- Кое бербейм, сен качан таарынычың жазылганда кое берем.

- Бол эми, апамдар эмне дейт?

- Десе дей берсин, мен аялымдын таарынычын жазмайынча кое бербейм.

- Болуптур, таарынбайм эми, - Соно күлүп жибергенде гана, аны бошотуп:

- Алтыным десе, мен сени жакшы көрөм, - деп койду артынан.

Назым Максатка күүгүмдө келди, короонун оозунда туруп, үйдү көздөй:

- Макса-ат, Макса-ат! - деп үн салып турганда, ал мал короо жактан басып келди.

- Кимсиң?

- Максат бери басчы, - деди Назым үнүн пас чыгара.

- Эмне болду?

- Эртең Гүлайымды Нарбекке берип жатат, дароо эле алып кетишет экен, - деп демиге айтып жатты Назым, - Бул катты окуп көрсөң, анан өзүң бил, мен Гүлайымдын жанында болуп, кабар алып турам, - Назым басып кетти.

- Макул, - деген Максат катты колуна алды да үйүнө кирип, бүлбүл жанган чырактын жарыгына окуп жатты. Катты Гүлайым мындайча жазган эле: "Саламатсыңбы Максат, саламым менен Гүлайым. Максат менин акыбалымды угуп, көрүп жаткандырсың, менин көзүмдүн жашы көл, жүрөгүмдөн кан сызылып агып, жалгыз өзүңдү гана эстеп отурам. Атам мени алдады, сен экөөбүздү үйлөнтөм деп коюп, кайдагы бир досунун баласына бергени жатат, эртең түштөн кийин мени алып кетишмек. Сен мени ук, апам алигиче аттарды даярдап койгон чыгаар, адегенде апама жолук да, анан даярданып мага кел, таңга маал бул жерден кетип калышыбыз керек. Болбосо… болбосо сенден кабар болбосо, мен өзүмдү-өзүм өлтүрүүгө аргасыз болом! Мен Нарбекти сүйбөйм, жашамак тургай анын босогосун аттабайм, атамдын төрүнөн сөөгүм чыгат. Сени күтөм Максат, сенин сүйгөнүң Гүлайым", - деп шашыла жазган катты окуп, өзүнүн атын токуду да, Даткайымдын үйүн көздөй чаап жөнөдү. Аттын дабышын угуп, уктабай отурган Даткайым чыга калды.

- Келдиңби балам?

- Ооба келдим, Гүлайымдын акыбалы оор…

- Түшүнөм, аттар даяр, эртелеп жөнөбөсөң болбойт, кайра тез келгиле, мен баарын даярдап, тагама кат даярдап койгом, тез жөнө балам, ал жексурдун көзүн карайлатып, эмитен чыга калгыла, ак жолуңар ачылсын балам! - деп.

- Рахмат апа, - деди да атка камчы салды.

- Кудай жар болсун, - Даткайым ушинтти да үйүнө кирди, ушул үйдө жападан жалгыз жашаганына он бир жылдын жүзү болуптур, ага күйөө да чыкты, күн-түн тынчын алган эркектер да болду, бирок аларды бир гана сөз менен кайтарып койчу: "Менин жугуштуу оорум бар, ошону үчүн Жолоочу менден алыс качып, ажырашып отурат, оорумду билген соң, кайыл болсоң, мен даяр", - дегенде эркектер жаа бою каччу. Ошентип, өзү менен өзү болуп келе жатат, ушул азыр өзүнүн Багышбек экөөнүн ойлору ордунан чыкпай аргасыз бөлүнгөн учуру көз алдына келип: "Оо жараткан, балдарымдын бактысын ача көр, ажырабай өмүр бою бирге түтүн булатып, өксүбөй өтүшсө экен", - деп тирмийип шыпты тиктей чалкасынан жатып алды. Не деген гана санаалар келбеди башына.

Максат Жолоочунун короосуна баш бакканда жымжырт эле, акырын боз үйгө баш бакмак болуп Назымдын айтканы эсине кылт эте түштү, кайра артына басып, четтеги боз үйгө жетти, Жолоочу үч боз үй тигип, тамында өздөрү жаткан. Назым менен Гүлайым улам сыртка кулак түрүп отурган, дабышты угуп, чыга калган Назым:

- Чүш-ш, - деди колун оозуна кадап:

- Максат, - Гүлайым чыга калып, кучактап калды, экөө саамга кучакташып туруп калганда, Назым аларды түрткүлөдү:

- Ушинтип тура турган убакпы, болгула эч ким көрө электе, - дегенде Гүлайым түйүнчөгүн алып чыга калып, кол кармашып, атты көздөй жүгүрдү, Назым аларды узатып коюп, кайра боз үйгө кирип, билмексен болуп жатып калды…

Максат менен Гүлайым келгенде, Даткайым үйдөн чыгып, баштыкка даярдап койгон буюмун алып чыгып:

- Кагылайын каралдым, мынабу баштыкта атамдан калган алтын менен күмүш жасалгалар, күмүш теңгелер бар, кыйналсаңар ушуну четинен сатып, жашап тургула, Анжиян тараптагы эски коргон деп аталчу айылда, менин бир тууган тагамдын балдары бар, көп узабай мен дагы барып калам, кудай ак жолуңарды ачсын, өмүрлүү - бак дөөлөттүү жашоо алдыңардан кучак жая тосуп алсын садагалар, шашылгыла! - деп баштыкты ээрдин кашына бекем байлатып, экөөнө эки атты мингизип, беттеринен алмак-салмак өөп узатты.

- Кош апке, көрүшкөнчө аман бол! - Гүлайым ыйлап жатты.

- Аман туруңуз, көрүшкөнчө! - деди Максат дагы, таңкы үрүл-бүрүлдө.

Кырк-Казык айылынан узап баратты эки атчан. Атты ылдамдатып бастырып баратып, артына кылчая дүпүйгөн топ айылды карап алып, экөөнүн тең жүрөгү тыз этип, ачышып кетти. Аларды узата карап турган Даткайым, өңгөчүн тарта муңканып ыйлап ийди. Жатып алып, кайрадан буркурап, ыйлап жатты, аңгыча жерге жарык кирип, жандуунун баары тиричилигин уланта баштады. Эрте туруп кийинип, кудайга жалынып, балдарынын узак жолдо, аман-эсен жетип алышын тилеп, даарат алып намазын окуп, эми чайга отурганда. Аттын дүбүртү угулду, чаап келген өңдүү, аңгыча үйгө Жолоочу кирип келди.

- Кана кызың, тымпыйып отуруп алып, иштин баарын бүлдүргөн сенсиң, энеңди урайын шуркуя! - деп келип эле, тээп-тээп ийди, - Кана жанагы өзүңдү тарткан кызың?

- Эмне болду, кайда дегениң эмнең, сенин үйүңдө эмеспи? - деди ыйлаган бойдон Даткайым.

- Көзүң аккыр, баарына сен гана күнөөлүүсүң, тымпыйып отуруп, аны сен качырдың, кана кайда кеткенин айт шерменде!

- Көзүңдү ач Жолоочу! - деди Даткайым. Көзүнөн заар чачырата, - Өлгүчө менин убалыма кала турган болдуң, кудайга койдум сени, ылайым жакшылык көрбө, качан болсо, күнөөлүү кылып, басып жүрөсүң, өлбө-житпе, балдарыңдын убайымын гана тартып жүрүп өт, беш убак намаз окуйм, ошол куран-намаз урсун!

- Тарт тилиңди! - Жолоочу тайсалдай түштү, - Өзүңдү тарткан кызың, түндө качып кетиптир!

- Качса эмне кылайын, мен кайдан билем, ушул үйдө жападан жалгыз эптеп, оокат кылып отурам го?...

- Эгер келсе, өзүм келип, алып кетем, - деди да чыгып кетти, Даткайым үнсүз көзүнүн жашын төгө каргап, кала берди. Жолоочу жоо кууп келе жаткандай чапкылаган бойдон Багышбектин үйүнө келди, эшикте Карлыгач жүргөн.

- Балаңар кайда? - деди Жолоочу өктөм.

- Үйдө эле болчу, уктап жаткандыр, - Карлыгач ичке кирип Багышбекке, - Тиги жинди келиптир, эми эмне болот, Максат Гүлайымды ала качып кетиптир, - деди.

- Болушунча болуптур, эмне кылып алат эле, билбейм де, - дегенде Карлыгач кайра чыгып:

- Кайдадыр кеткен окшойт, туруп кетиптир, - деди ага карай.

- Билмексен болбогула, ошол экөөнү кармасам, бирдей өлтүрүп, көргө чогуу койбосом, Жолоочу атым өчсүн! - деди кыжына, - Чыныңарды айткыла, жашырынып жашай албайт!

- Жашырып эмне кылалы, эки адамды тирүүлөй өлүк кылганың жетпедиби, акыры кудайдын сага берээр жазасы бардыр, кудайдан корксоң боло?!

- Эй көзүңө карап сүйлө, агаңдын шал болгону жетет, анык күнөөлүүлөр ушулар, кызымдын андай болушун каалабайм, сендейлер менен акыйлашканча, - деди да, атынын башын буруп, чапкан бойдон кетти.

- Жөнө-жөнө, тапсаң маа десе кескилеп же, сендей айбандарга балдардын убалы деле жетээр, - деп үйүнө кирип кетти, - Бу келесоо аларды тапса, өлтүргөндөн кайра тартпайт, - деп кейип кирди.

- Акмак, - деп алды Багышбек, - Мындайдын колунан баары келет, кудай жар болсун эми, - Багышбек ойлоно калып, карындашын карады, - Сен акырын барып, Даткайымга жолугуп келсеңчи.

- Макул азыр Эрмат келсе, сизди карап турсун, мен барып келем.

- Ошент, ага да оор болуп жаткандыр, Жолоочу ага кордук кылбады бекен, анан чөптү сурай кел, эмне деген чөп экенин.

- Ооба өзүм дагы ойлонуп тургам, - деп Карлыгач өз иши менен алектенип жатканда, Эрмат келип калды. Агы түшүндүрүп, айтып коюп, төштөгү жалгыз бак дарактуу дүпүйгөн үйдү көздөй жөнөдү. Ал келгенде, Даткайым өзү ыйлап отурган эле.

- Кандай эжеке, жакшы отурасызбы? - деп Карлыгач ага ийиле колун сунуп учурашты.

- Тиги кудай ургур силерге дагы бардыбы? - деди ал учурашкан соң.

- Ооба, биз деле алардын дайнын билбейбиз да.

- Билем, - деди улутуна Даткайым, - Мен аларды өзүмдүн тагаларыма жөнөттүм, бир эки жыл ошол жакта туруп турсун, аз өтпөй мен дагы кетем, балдардан көөнүм тынбай жатат, - деп Даткайым болгонун ага айтып берди, - Кам санабагыла, мен аларга болгонун бердим, там сатып алып жашаса да болот, атамдын уул баласы жоктугунан каткан дүнүйөсү менде калган эле, - деп Даткайым үшкүрүп ийди, - Бактылуу болсо болду, ошол экөө.

- Рахмат сизге эжеке, баса баягы берген чөптүн атын билесизби, тоодон балдарга тердирип, келип алсак дедик эле.

- Ошол жардам бере турганбы?

- Жакшы эже, буту бүгүлүп, кыймылга келип калды.

- Анда ал чөптөн бар үйдө, бирок анын атын мен билбейм, бир дарыгер алып келген эле, апам кийин ооруп калып, ошондон жакшы болгон, - деп Карлыгачка чай берди, анан бекиткен сүр эттеринен салып берди, - Бул койдун этин салып бер, чөптүн калганын берейин, ылайым себепкер болуп кетсин, - деди да кетмек болгон Карлыгачка, - Он-он беш күндөн кийин мен дагы кетем, анан өзүм силерге атайын кабар жөнөтөм, - деди акырын, - Үйдү ташташ кыйын болуп турат, ата-энемден калган дүнүйөнү кыялбай турам, эгер Багышбек тура көрсө, түндөп силерге жүктөтөйүн, акыры эки бала урунат, тоодо дагы мал бар эмеспи, ошолорду дайындап кете берем, кийин бир келээрмин…

- Кудай кубат берсин эже, дүнүйөңүздү жөн деле жеткирип кое бериңиз, карап турабыз да, ээн жердеги үйдү тоноп кетпейби? - деген Карлыгач бир топ кылып, баштыкты көтөрүп, төштөн ылдый түшүп келе жатканда, алдынан Багышбектин Максаттан кийинки уулу Акмат чыга калды:

- Эжеке, атам кандай, жакшы болуп калдыбы?

- Барганда көрөсүң, андан көрө муну көтөрчү, оор экен.

Колундагы баштыкты бере салды.

- Бул эмне?

- Оокат.

- Ким берди?

- Даткайым эже.

- Ага эмнеге бардыңыз?

- Жөн эле жумуштап, Максат менен Гүлайым качып кетиптир, ошону үчүн келгем.

- Каякка?

- Ким билет.

- Мен Максат акемди тоого бар деп, атайын айтканы келе жатпадым беле, эми дагы кышта каламбы жалгыз.

- Үйгө барганда сүйлөшөлүчү.

- Атка минесизби?

- Жок, аз эле калбадыбы? - деп Карлыгач аттын артынан келе жатты. Үйгө келип, кубанганынан Акмат экөө тең ыйлап, Багышбекти кучактап калышты, анткени ал өйдө болуп отуруп алыптыр.

- Ата, ушул бойдон жакшы болуп, кетсеңиз экен ээ? - деп Акмат атасын мойнунан кучактап алып, жашын аарчып жатты.

- Кудайдын ушунусуна шүгүр балам, жети жыл жаттым төшөктө, болгон күнөөмдөн деле арылып бүттүм окшойт.

- Кайдагы күнөө сизде, оору деген оору да, - деп Карлыгач колтуктап өйдө кылды, - Кана такандап көрсөңүз.

Акмат экөөлөп, эки жагынан сүйөп, өйдө кылды эле, тизелери майыша кыймылга келип, кадам шилтеп, бир-эки басты:

- Күчүнө келе элек, муундарым калтырап жатат.

- Анда отуруп, бир аз эс алыңыз, чөптөн ала келдим, - Карлыгач агасын кайра ордуна жаткырды, - Байке, малды эми бирөөгө тапшыралы, сизди Акмат жуунтуп турсун, антпесе болбойт, бир-эки айда кадимкидей болуп каласыз, эми сизге күчтүү тамак керек, Даткайым эже сүрсүгөн эт берген, ал бир эле күндө жыгат сизди, бир козу соелу, - деп Карлыгач далбастап, агасынын такандап туруп калганына кубанып, жетине албай жатты, - Эми көп ойлоно бербеңиз, кайра ооруп каласыз, оорунун азап-тозогун аябай эле тарттыңыз.

- Мен эчтеке эмес Какен, сен тарттың, оору оору эмес, ооруну баккан оорулуудан да жаман, кудайга шүгүр, эми бир оңолуп алсам, кудай жардам кылса, балдарыма баш, көз болсом болду.

- Ошенсеңиз экен, биз конокко келип, сиздин кубанычыңызга орток болуп туралы.

- Акем жакшы буйруса, өңдөнүп калыптыр, - деди Эрмат сөзгө аралашып. Ошентип көптөн бери үн сөз жок кирип-чыгып, күлкү чыкпай калган үйдөн күлкү чыгып, барбырашкан үндөр чыгып, кубанычка батып турушту. Акмат дароо жайлоого барып, бир күрпөң козу алып келип, союп алышты. Багышбекти ысык шорпо берип, чөп дарыны үч маал демдеп берип, жуунтуп жатышты. Ошондон үч-төрт күн өтпөй эле Даткайым, азем буюмдарын түндөп атка жүктөптүп алып келип, өзү бир күнү дайынсыз кетти.

Жолоочу кызы менен Максатты таппай жинди болуп кете жаздап, акырындап башым деп жатып, оо дүйнө салды. Эл кызын күнөөлөп жатты.

- Курган кыз, атасынын тилин албай кетип калганын кара, байкуш ошого ойлонуп жатып, өлүп калды.

- Ошону айтсаң, сүйүп-күйүп кеткенин кантесиң, Багышбектер тымпыйып эле жатышат, бир билгени бар го, Даткайым өзү да жоголуптур, сүйлөшүп алышкан го?

- Ким билет, ошончодон экөөнүн тагдыры балдарына туш келип калганын кара, сүйүү дегенди билбей-этпей эле бала-чакалуу болуп жашап жатабыз, дегеле сүйгүчүлдөрүн кантейин, - деп шыпшынып жатышты.

- Ошол эле дейсиңби, Даткайымга Багышбек барып келип турчу экен, Буудайбек байкуш деле ушулардын айынан өлүп тынбадыбы?

- Ооба десең, эми Жолоочуну өлтүрүп тынышты, Багышбек болсо же өлүү эмес, же тирүү эмес жатат дейт төшөктө, кишинин убалы кантип соо койсун, - деди бири, - Алмончоктой баласы деле ошолордун айынан өлбөдүбү?

- Ким билет, башка дагы бир билгендери бардыр, а дейбиз, бу дейбиз кудаанын кылганы, бирөөнүн күнөөсүн көтөрбөй жөн болгулачы! - деди бири.

- Сөөк чыкканы турат, кой эми көп сүйлөбөй отуралы, байкуш Орозгүл үч жаш бала менен кала берди, улуусу он экиге зорго чыкты, - деп айтып жатышты. Орозгүл боз үйдө отуруп, кошок кошуп жатты:

Оой карангүн, башыңа балээ жаралга-ан оой.

Кызды да бактың бөпөлөп ай-ий.

Ажалың болуп бир кызың айй.

Аа-а дүйнө кеттиң арманда ооой! - дегенде абысыны аны тыйды:

- Капырай уккан эле эмне дейт, жараткандын жазмышына каршы туура албайт адам баласы, колуңдан келсе, өлүмдөн алып калбайт белең, - деп аны жайгара жанына отурду, - Эл наала кылат, эсиң менен бол Орозгүл, ушуну пешенесине жазган да.

- Ошол шүмшүк болбосо, өлмөк эмес жеңе, элге-журтка, жерге-жээкке шерменде болгонуна чыдабай эле ооруп калып өлдү, балдарым жаш калды жеңе, күйөөгө берчүмүн деп канча чабылды, ушундан көрө ошонусу өлүп, кара ашын бергенибизде мынчалык болмок эмес, тирүү келсе үйгө киргизбейм! - деп долуланганда, бир нече аял төркүндөрүнүн көзүнчө наала кылып ийишти.

- Сен эриңдин күйүтүнө ошентип жатасыңбы, же кеткен чыгымыңабы, ошонун баары Жолоочунун да эмес, Арстанбектин жалгыз кызына берген малы болчу, Даткайым чүпөрөк албай чыгып кеткен, - деди Арстанбекке жакын карындаштарынын бири.

- Андай болсо, алып кетсин калганын, мен балдарымды ансыз да багып алам!

- Капырай эч кимиси жоктой, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, жаалаганыңар эмнеңер ыя? - деди Орозгүлдүн бир тууган жеңеси Сагыйда, - Эри өлүп жатса, ар кайсыны сүйлөйт да.

- Эси бар аял күйүттү да, акыл менен жеңет, ички күптүсүн эл алдында чыгарбайт, өлгөндөн үстүндө кызын айтып отурса, арбак кечиреби? - деди жанагы аял, - Асылсаң өзүнчө асыл, мындайда кыйын болсоң Жолоочунун жакшы жагын даңазалап кош, жакшылап эл айтып жүрө турган, сөз кылып айтып жүрө турган кошок айт!

- Болду эми, али ысыгы тарап, коштошо электе кулагына жеткирбей, азыр кулагы ачык, - дешип ар кимиси ар кайсыны айтып жатып, унчукпай калышты. Түш оодара өлүктү чыгарышты. Адамдык парз экенин эстеп, өлүккө көз көрсөтүү үчүн Жакшыбек менен Акмат өкүрүп келип, топурак салууга да барып келишти. Орозгүл кирген чыкканга эле, Гүлайымды каргап-шилеп, кошогуна кошуп, ыйлап жатты.

- Ошол шүмшүк болбогондо, өлбөйт этпейт болчу, жакшынакай кылып, күйөөгө берем деп, канча чачылдык, чиренген байлардын кызынан бетер үч үй тигип, үч күн оюн калды, ырыскыны көтөрө албаган жетим, ушуну кылбадыбы?

- Ой-ой Орозгүл, көп анча кетпе, - деди ошол айылдын улуусу да, кадыр-барктуу кемпир токтоо сүйлөп, - Эртеңкиңди ойлон, бөөдө каргыш бөрүгө жетпейт, ал дагы жаштык кылды, көңүлгө толбогонго, азыркы жаштар болобу, жүрөгүнө жакканына кармата берсе болот эле, ошого ал да болгон жок.

- Мен ошо кызын өмүрү көргүм келбейт, ылайым жаштайында тул калсын, жакшылык күн көрбөсүн, - Орозгүл болбой эле сүйлөй берди.

- Эк кокуй гүн десе, эси бар экен десе, эси жок келин экенсиң да, сени Жолоочунун таягы катын кылып жүргөн туура, - деп байбиче этегин кагына, ордунан туруп кетти.

- Мени күнөөлөшөт кайра, мен эмне кылдым, Жолоочуну киши кылган дагы менмин, болбосо аягы сай таппай аяксыз жүрмөк, - дегенде тестиер баласы Темирлан кирип:

- Апа, атамдын үйдөн жыты кете электе, баскан изи сууй электе, минткениң кантип болсун, элден уялып жатам, экинчи Гүлайым эжем жөнүндө сөз болбосун! - деди да чыгып кетти. Орозгүл баласынын сөзүнө туттуга, эчтеке дей албай отуруп калды: "Өлүгүңдү көрөйүн десе, ошол шермендесин коргоп калганын. Ошентип өлгөндүн өз шору деп, Жолоочунун кырк ашы да өттү. Тастаңдап кара жоолукту артына сылынып алып, күндө бир маал кошогун айтып коюп, көчөлөгөнгө кирди. Орозгүлдүн ата-энеси жок, ага-иниси келип кетип, ал абалын билип турушат.

Максат менен Гүлайым таңга маал ашууга жетип аттан түшүп, эс алмак болушту. Теребел салкын тартып, тоо гүлдөрүнүн буруксуган жыты аңкып, эки жашты эргитип турду. Даткайым даярдап берген тамакты ортолоруна коюп, шам-шум этип жатышты.

- Максат, атамдын ачуусу жаман эле, апамды өлтүрүп койбос бекен?

- Эмнеге, ал бизди билбейм дейт да?

- Ишенбейт, сени тарткан деп айтканын уккам, бир өчү бар го?

- Кимде?

- Ошону өзүм да түшүнбөйм, ойлонуп да түшүнө албадым, сенин атаң экөө, эмнеге бири-бирине душман болуп калышкан?

- Мен кайдан билем?

- Кызык, апамдан сурасам айтпай койду, - деп Гүлайым ойлуу отурганда, Максат аны белинен имере кучактап, өзүнө тартты:

- Азыр өзүбүздү гана ойлошубуз керек, оорулуу атама, мен абдан керек болчумун, бизди сүйүүбүз ушинтип, ашуу ашып, жол басып, элибизден безүүгө аргасыз кылды, антпечи сен дагы мени сүйөсүң, мен сени сүйөм туурабы?

- Туура, сүйүшкөн жандар неге элге жат болушат, Олжобай менен Кишимжанды апам көп айтып берген, - Гүлайым жигитке ыктай андан бир жылуулукту сезип, жаштыктын эч нерсеге ээ бербей турган делөөрүткөн сезимине бөлөнүп, көзү уйкуга кетип баратты. Аны карап кучагына кыскан Максат чачтарынан жыттап алып, өзүнүн да уйкусу келип турганын сезди. Гүлайымды ойготуп албаганга аракет кылып, отурган жеринде уйкуга кирди. Бир кезде чоочуп, экөө тең ойгонуп кеткенде, маңдайында эки адам турушуптур. Бул адамдар мал кайтарган жай адамдар эле:

- Кайдан кетип жатасыңар, кайда барасыңар? - деди бири.

- Кырк-Казыктан болобуз, аркы айылга барабыз, - деди Максат төмөнтөн көрүнгөн айылды ээк кага көрсөтүп.

- Жакшы, жай эс ала бергиле, качкынга окшшоп корккон түрүңөр бар да? - деди бири.

- Жок байке, жаңы үйлөнгөнбүз, конокко чакырышкан эле, тагаларыбыз бар, - деп шар жооп берди Максат.

- Азамат, бактылуу болгула, - деп жөнөп кетишти.

- Коркуп кеттим, эртерээк кетеличи, - деди Гүлайым алар узагандан кийин.

- Коркпо, бизге эч ким тийбейт, мындан ары тоскоол болчу адам жок, - деп жылмая карап чекесинен өпкөндө, кыз жыйрыла түштү.

- Эмне болду сага?

- Билбейм…

- Алтыным десе, биз эми бир кишибиз, бир денебиз, тагаларыңа жетип, тынч жашап калсак, анан балалуу болсок, бизди кечирбей кайда барат кайната, неберелерин көрүп, экөө өздөрү эле табышып алышат, - деген Максат кызды бекем кучактап, моюнунан өптү эле:

- Жөнчү Максат, эмне болуп жатасың? - деди Гүлайым.

- Эми сен меникисиң, кандай кооз, кандай керемет, бул ашуудан экөөбүз бири-бирибизди энчиктеп алууга неге болбосун, каршы болсоң айт, мен сага тийбейм, анда мени сүйгөнүң жалган, - деп Максат таарынып, кызды кое берди эле, ал жаадырай түштү:

- Мен сеники гана болом Максат…

- Асылжаным, сени менен дүйнөнү түгөл кыдырсам да ыраазымын, селсаяктык оор турмуш башыма түшсө да, сен жанымда болсоң болду, - деп сеңселген тоонун тулаң чөбүнө кызды кучактай жыгылды, күн көтөрүлүп, жандуунун баарына мээримдүү эне сымал жылуулугун чачып, нурлары көздү талыта, эки жашты куттуктагандай күлмүңдөп, күлүп турду. Жаштыктын алоолонгон аруу сезими, эки жашты делөөрүтүп, жан кумардын туу чокусуна алып чыгып, жашоонун эң бир кызык жолундагы, керемет, магдыраткан сезимине толкуп-ташып турушту.

- Максат, эртерээк жолго чыгалы ээ?

- Ооба, эрте чыгып, жол арбытып алалы, кардың токпу?

- Ток, сен жанымда турганда, мен токмун, бактылуумун, болгону…

- Эмне болгону?

- Апамды ойлонуп жатам, менден башка анын эч кимиси жок, мындайыраак эже-сиңдилери бар дечи, алардын жашоосу өздөрүнчө да, кээ-кээде эле келип-кетип турганы болбосо.

- Кам санаба, апам артыбыздан өзү келем дебедиби? - деп Максат өйдө болду, - Кеттик жаным, жарыкта бир айылга жетип алалы, - деп аттарын минип, жолго чыгышты.

- Канча күндө жетээр экенбиз?

- Билбейм, бул жолду мурунку жашоомдо да басып өтпөптүрмүн, - деп каткырып койду Максат.

- Мурунку жашоо дегениң кандай?

- Тамаша, кинодогудай десем жарашпайт экен.

- Кино дейсиңби?

- Ооба, кино көрдүң беле?

- Баягыда келип, дөбөнүн жанына койбоду беле?

- Мен көп эле көрдүм.

- Атам жиберчү эмес, кыздар менен зорго суранып баргам.

- Айылдагы кыздарды кино эмес, мектепке зорго жиберишет го, дагы жакшы сен барыпсың, - деп сүйлөшүп бара батышты, алардан өткөн бактылуу адам жок эле. Күүгүм кире бир айылга жете келишти, экөө четки үйгө кайрылып, сыртта жүргөн адамга Максат кайрылды:

- Ас-салоому Алейкум аба.

- Аллекум Салаам, кайдан жүрөсүңөр балам?

- Узак жол басып келе жаттык эле, келинчегим кыйналып калды, түнөп кетсек болоор бекен?

- Ай балам ай, алыс жолдо чаалыгып көргөмүн, ушул жашка келгенче, эмнени көрбөдүм дейсиң, түшкүлө аттан, - деди чоочун адам, аларга жылуу жүз менен карап.

- Рахмат сизге, - деди да аттан түшүп, анан Гүлайымды колтуктап түшүрдү. Экөөнү ээрчитип үйүнө кирди, кемпири менен жаш бала отуруптур:

- Кемпир, кудайы коноктор келиптир, төргө чыгар, - деди.

- Келсин-келсин коноктун келгени жаккшы эмеспи, - Улгайган кемпир төргө көлдөлөң салып, аларды төргө чыгарды. Гүлайым кысына сыңар тизелей отуруп, көз кыйыгы менен Максатты караса, ал чал менен сүйлөшүп отуруптур, кулагына эч нерсе кирбей, ою алда кайда кетип жатты.

- Менин атым Оторбай балам, бул айылдын эң аксакалдарынын биримин, кемпиримдин аты Созулкан, тиги неберебиз болот, - деп тааныштырып жатты, - Жол жүргөн адам чарчайт, ал тургай ат менен жүргөн да кыйын.

- Менин атым Максат, келинчегимдин аты Гүлайым, Кырк-Казык деген айылдан келе жатабыз, мындан ары Анжиянга өтүп кетмекпиз.

- Аа-а жакшы балам, жолуңар узак экен, кардыңарды тойгузуп алып, анан эс алгыла, - деди. Кемпири дасторкон жайып, тамак алып келди, кыязы өздөрүнө жасаган тамагы болсо керек, эзилген этти туурап, кесме алып келди, - Уулум, - деди Оторбай аксакал, мен мына бул энеңерди илгери жакшы көрүп калып, жөө Ак-Сай деген жерден ат уурдап, жайдак минип алып, күндө жолугуп келчүмүн, колумда жок жетим баламын, мунун ата-энеси чиренген бай, мендейди кайдан теңине алат? - деп сакалын сылай каткырып алды, тамашакөй кайраттуу адам экени көрүнүп турду.

- Анан эмне болду, кызыктуу экен, айтып бериңиз эми, - деп Максат кызыга суроо берди.

- Кой эми, балдарга калжаңдап отурбай, - деп Созулкан жылмая чалын карады.

- Эмне сөөгүм менен кетмек беле, жаштарга биздин мамилебиз таберик болот, илгери да бири-бирин жактырышкан адамдар болгон экен деп биле жүрүшсүн, - деп Оторбай айканда, Созулкан унчукпай, небересин уктатмак болуп, ички бөлмөсүнө кирип кетти. Оторбай аксакал өткөнүн көз алдынан өткөрүп, көпкө үнсүз отуруп, анан айта баштады…

Анда Совет бийлиги жаңыдан орноп, байлардын каршы чыккандарын кулакка тартып жаткан убак. Кээлери малын ортого өз ыктыяры менен берип, эл ичинде калып калган менен баары бир кедейлерди теңине албай турган убак. Оторбай Султангазы деген байдын койчусу болуп жалданып иштеген. Он алтыдагы кези. Кармашканына бой бербей, балбандыгы жагынан анча-мынча көзгө көрүнүп калган болчу. Көздөрү күйгөн, жүрөгүндө оту бар, бул жигитти кийинчерээк Султангазы койчулуктан жылкычыга которгон. Бир күнү жылкыларын сууга түшүрүп, кайра айдап кетип жатса, он чакты кыз суу жээгинде жуунуп жатышкан экен. Арасынан үкү тебетейи үлпүлдөгөн, узун бойлуу чачы согончогуна жеткен кыз, көзүнө уруна түштү. Ойдолото атын теминген Оторбай аларга жете келип:

- Арбаңыздар сулуулар! - деди катарлаша.

- Бар болуңуз, - дешип кыздар кыйгачтап, өтүп кетмек болгондо, Оторбай алардын алдын тосо:

- Сулуулар, аярлай турсаңыздар кантет? - деди эле:

- Аярладык, айтаар сөзүңүз эмне? - деп бири аны тике карабай жүзүн бура сурады, - Бул айылда сизчелик өткүр жигит жок эле…

- Туулуп өскөн айлым Кара-Булак, бул жерге сиздердей сулуу кыздарды издеп келдим эле.

- Кыз көрсөңүз сулуу деп, айбан болсо да акылы жокту адам деген кандай жан элеңиз, кыздардын ичинен сизге теңи бар бекен? - дегенде, кыздар күлүп калышты.

- Издегенимди таптым го дейм, үкүлүү кыз сизде, менин эси дартым, Айтыңызчы атыңыз ким, махабатка жалындап күйүп барамын, - деп ого бетер кыздарды бастырбай туруп алды.

- Үкүлүү кыздын башы бош эмес, жүрөгүнө канжар салбаңыз, андан көрө жол бошотуп, өз ишиңизге барыңыз, колуңузда укурук, жылкычы экениңизди айтып турат, - деп бири үкүлүү кызды колтуктап жөнөмөк болгондо, кыз ага шыбырагандай болду, ошондо ал кыз, - Сиздин аты жөнүңүздү угалбадык, ал эми менин курбумдын аты Созулкан, айыл ичинде он эки канат боз үйдүн эрке кызы, - деди да басып кетишти. Шашып калган Оторбай:

- Кечирим бергиле кыздар суранамын, менин атым Оторбай, күндө ушул суу боюна келесиңерби? - деди үнүн созо.

- Ооба, күндө келеби-из! - деп Созулканды колтуктаган кыз айтты да, каткырып күлө, шарактаган кыздар жөнөп кетишти. Оторбай көпкө чейин жүрөгү элеп-желеп болуп жылмая: "Созулкан", - деген бойдон кала берди. Жылкылары эбак оттоп кеткен. Көзүн албай кыздар кеткен тарапты бир топко чейин карап туруп, анан атына камчы салды. Ошол жылы ал жылкычылыктан кетти, анткени совет өкмөтүнө каршылык кылбай бүт малын өткөрүп берип, Султангазы үйүндө. Оторбай өз айлына баса берди. Бирок Созулканды ойлогондо, бир күч аны Көк-Ойду көздөй тартып турат.

Аталаш агасынын үйүндө турчу. Ал агасынын кадыры үчүн Оторбайды үйлөнтмөк болду эле, ага болбоду. Түшкө жакын кызга жолугуп келүү үчүн жөө жалаңдап келе жатып, Ак-Сайга келгенде, бир жылкыны кармап, жайдак минди да, баягы суу жээгине келсе, эки кыз турган экен, алар жай сүйлөшүп тургандай болгон менен Созулкан бир көргөн жүрөгүндө курчу бар, сүйлөсө сөзүндө мурчу бар, көзүндө оту бар жигитти сүйүп калганын айтып, курбусуна ыйлап турган эле.

- Арадан бир топ күн өттү, бир келгени жок Асылай, неге ал мага бир көрүнүп, жок болду?

- Токтоо болчу Созулкан, балким келе албай жаткандыр, эгер сени чындап жактырып калган болсо келээр, капаланбачы.

- Жо-ок, мен өзүмө келишим керек, бир көргөн жигит үчүн Бообектин көңүлүн кайтарганым болбос, тойго макулдугумду беришим керек, - деп көз жашын аарчып алды.

- Балким бир аз күтөөрсүң, келип калса, өкүттө калба, ал деле сенден көзү өтүп кеткен, - деди Асылай курбусуна шыбырай. Аларды беритен карап турган Оторбай, алдындагы атты тушап койду да, басып барды.

- Арбагыла сулуулар!

- Бар болгула, - деп эки кыз чоочулай туура калып, бери бурула берип, Оторбайды көрүп, бири-бирине карап, жылмайып коюшту.

- Эриккенсиздер го кыздар, көңүл жазаар жигиттер көрүнбөйт, жалгыздап турупсуздар?

- Көңүлдү көтөрөөрү толо, жакканы жок, жигит деп эркек аттуунун баарын теңибизге алалбайт экенбиз, - деди Асылай күлө карап.

- Текебер кыздар жактырышпайт көп адамды, а бирок теңи жанында жүрсө, көрбөй армандады, деген экен илгери дагы бирөө…

- Кечиресиз, - деген Созулкан курбусуна карады, - Биз кетели.

- Токтой тур Созулкан, тамашам үчүн айбымды тартайын, сени көрсөм дегенде, эки көзүм төрт болуп, жүрөктүн башы чок болуп, Ак-Сай тараптан келдим, - деди Оторбай Созулканга карап, - Эгер убактың болсо, бир аз сүйлөшөлү.

- Бирөө жарым көрсө уят го?

- Ашыктардын айбы жоктур жолугушканга, чынын айтсам, сени жактырып калдым Созулкан, созуп отурганга болбосун билем сулуу, сөзүмдү кайтарба! - деп жигит кыз алдын торой калып, тизелей калды, - Эгер каалабасаң, сөзүмдү кайра алам, айлыма аргасыз кайтам, көңүлүң болсо, колуңду сун!

- Жигит, айлыңды - ата тегиңди укпай, ата-энеңди билбей туруп, кыз бала колун сунабы, кудалап койгон кайны бар, быйыл күздө кете турган жайы бар, - деди Асылай курбусунун ордуна.

- Ак-Сайдын аркы бетиндеги айылданмын, колумду сунганда, жүрөгүмдү алаканымда, ата-тегим кушчу болот, - деди Оторбай.

- Мен сени сүйөм деп айталбайм, башым байлануу, бата тилеп коюшкан, ошонум жолумду тосуп турат, көргүң келсе ушул жерден күндө күт! - деди да Созулкан басып кетти. Оторбай аны узата карап калганда, Асылай басып келгенде:

- Сулуу кыз бирдеме дечи, кыз жүрөгү эмне дейт? - деди Оторбай ага.

- Сизди күтөт, кыз жүрөгү опкоолжуп, көпкө күттү жолуң карап жол тосуп, жаш жүрөгү сиз деп согоорун, айта албай турат өзү жалооруп, - деди да кыздын артынан жөнөп кетти. Ошентип Оторбай кыздын сырын түшүнүп, үйүн көздөй күүгүмдө келди. Агасы Саалы аны карап:

- Күнү кечке кайда болдуң, тиги Камалбектин кызына куда түшөлү деп таппай калдык, - деди.

- Байке, мен ал кызды албайм!

- Эмнеге, сүйлөшкөн кызың барбы?

- Ооба.

- Кай жерден, кимдин кызы?

- Азырынча айтпайм.

- Неге, колоктобой үйлөнбөйсүңбү, мен агама берген убадамды аткарышым керек, арбактын сөзүн эки кылган болбойт.

- Мен сизге ыраазымын, өзүм үйлөнгөндө, ыраазы болобу байке? - деп Оторбай күлмүңдөй карады.

- Мейли өзүң бил, бирок кечиктирбе.

- Эч качан кечиктирбейм.

- Каалаганыңдай бол, - деди да Саалы отуруп калды. Оторбай ошондон баштап, күндө Созулканга жолугуп жүрдү. Кыз кудалаган күйөөсүнөн баш тартып, тойго макулдук бербей койгондо, атасы Сүйүнбай аялы Батмага карады.

- Кызыңдын айтканына көнбөй тойго даярда, эки күндөн кийин келип алып кетишет.

- Атасы…

- Болду, даярдангыла.

- Ыйлатып кантип беребиз?

- Ыйласа көзү кара болот, кыз тынаар жерине ыйлап барат, - деди да чыгып кетти. Оторбай өз айылына келип, тескей тараптан, айылдан анча алыс эмес жерден үңкүр каза баштады. Жети күн дегенде, эки киши батаарлык кылып казып, түндөп төшөнчү орун алып барды да, агасынын атын токуп минип, түндөп Созулканды Асылайдан чакыртып алып, ала качып, баса берди. Үңкүрдө бир айдай жашап, ата-энеси тынчып, жаштардын комитети жардамга келип, акыры Саалынын үйүнө алып келип, той берип, жашап калышты, - Оторбай ушул жерге келгенде, сөзүн бүттү, - Мына ушинтип, элүү жылдан бери кемпирим экөөбүз жашап келе жатабыз. Бир балабыз бар.

- Ата, чынын айтсам, биз дагы ата-энебиз макул болбой, качып келе жатабыз, - деп Максат күлүп калды, - Болбосо, ушул узак жолду басып, сизди кайдан табат элек?

- Азамат балам, арзуу дегенди кудай кээ пендесине гана берет, болоор-болбос жактырууну сүйүү деп эсептегендер бар, бирок чыныгы сүйүү, эч нерседен кайра тартынбайт, өлүмгө чейин барат. Мен силерди эки күндөн кийин өзүм узатып, жолго салып коем, жакшылап эс алгыла, кемпирим эртең даярдансын, силердин никеңерди кыйып, анан жөнөтөм.

- Ыраазыбыз ата, - деп Максат туура калып, колунан кармап, өөп жиберди.

- Арзышкан жанга жардам берүү, адамдык парзды аткаруу ар бир пенденин парзы, - деп Созул аларга жылмая карап, күлүмсүрөйп койду. Ал түнү эс алышты, эрте туруп, Созулкан камыр жууруп, боорсок жасады, ага Гүлайым жардам берип жүрдү. Оторбай бир кой союп, молдо чакырып, нике кыйдырып, айыл-апасын чакырды. Ак баталарын берип тарашты. Максат менен Гүлайым кеңешип туруп, күмүш теңгелеринен бир ууч кылып, Оторбайдын алдына алтын жасалгасынан кошуп койду да:

- Ыраазыбыз сиздерге, ата-энебиз кылбаган ишти жасадыңыздар, эми эртең жолго чыгалы, - деди Максат.

- Муну тим койгула балдар, өзүңөргө керек болот, алыс жол басасыңар, андан көрө бүгүн жакшылап эс алгыла, эртең өзүм жолго салып келем, мен көрсөткөн жол менен кете берсеңер дагы далай айылга туш келесиңер, анан көздөгөн жериңерге жетесиңер, - деди Оторбай чай үстүндө.

Эртеси таң эрте турган Оторбай атын токуп минип, Максат менен Гүлайымдын алдына түштү да кетип баратты:

- Бул тоолорду силерге окшогон далай жаштар арзуусуна жетүү үчүн басып өткөн, далайлардын көз жашы, сүйүүгө толкуган кубанычтары менен кайгысы калган, көп инсандар өз сүйүүсүн ушул тоолордон таап, ушул тоолордо өмүрлөрүн кыйып, өкүнүчтөрү калган…

- Аба, бу жашоодо баары болот экен да ээ, бирок ошолордун ичинен бактылуу болуп, түбөлүк жашап калганы, чанда болсо керек?

- Ооба балам, чанда гана сүйүшкөндөр тилегине жетишкен…

- Менин атамдын оорукчандыгына карабай, Гүлайымдын тоюн бузуп, ушул жолдо баратабыз аба, сиздердин мээримиңиздер, жакшы мамилеңиздер бизге дем берди, чынында атам менен Гүлайымдын апасы экөө илгери бири-бирине жетпей калган экен, Гүлайым аны билбейт, мен уккамын, - деп артта келе жаткан Гүлайымга угузбай, күлүп койду.

- Ап бечаралар ай-я, арзуусуна жетпеген пенделеринин сүйүүсүн балдарына берген экен жараткан, - деп обдулуп койду Оторбай, - Эми силер бактылуу болуп, кол кармашып, Созулкан энең экөөбүздөй болуп, түбөлүк бирге өмүр сүргүлө балдарым.

- Айтканыңыз келсин аба, ылайым ак батаңыздар тийип, ажырабай бирге болсок экен, - Максат колун бооруна ала ат үстүнөн ийиле таазим этип койду. Гүлайым эки жакты абай сала карап, жаратылыштын кооздугуна суктанып, өзүнчө кыялдарга батып, эргип баратты. Бир топ жерге барганда, коштошуп, жолго салып коюп, артка кетти.

- Абдан жакшы кишилер экен ээ? - деди Гүлайым жанаша бастыра.

- Эң сонун адамдар экен, пейли кенен, жүрөгү таза. Көңүлүндө кири жок, мындай адамдар чанда жаралса керек алтыным, биз дагы кийин өзүбүздөй адамдарга жардам берген кең пейил болобуз.

- Сөзсүз жаным, үйдө сен айткандай гана болот, мен аткаруучу гана болом, сен буйрук берүүчү менин падышам болосуң, - Гүлайым Максатты жылмая караганда, үзөңгүлөрү тийише жанашып, кол кармашып кетип жатты. Ошол күнү ээн талаада түнөштү. Керемет түн, эзилишкен эки жаш, бири-бирине ыктай салкын, таза абада чыйрыга түшкөндө, бир кишидей кучакташып тумшуктары тийишсе, биринин демин бири тыңшап, түрсүл каккан жүрөктөрдүн кагышын тыңшап, жатып уктап калышты. Аңгыча таң атып, жерге жарык текши тийгенде, көздөрүн ачып, ыңгырана ордунан турушту. Даткайым билгендей калың көрпөчөнү эки атка токуган экен, жыргап жылуу уктап туруп, жолдоруна түштү. Андан кийин дагы үч-төрт күн жол жүрдү, акыры мерчемдүү жерге сураштырып жүрүп, жетишти да, Ак-Коргон деген чакан айылдан Мухаммедалини издеп, кеч күүгүмдө анын эшигинде болушту.

- Ассалоому Аллейкум аке, биз Мухаммедали дегенди, издеп жүрдүк эле.

- Кайдан келдиңер, ким болосуңар? - деди сакалчан карыя.

- Таластын Кырк-Казык деген айылынан келе жатабыз, бизди Даткайым апабыз жөнөттү эле.

- Оо Даткайым дейсиңби, Арстанбектин кызыбы?

- Ооба, - Максат Гүлайымды карады, - Бул ал кишинин кызы.

- Айла-анайындар десе, келгиле балдарым, жээнимдин кызы туура, түшкүлө аттан, - деп бакылдады Мухаммедали.

- Рахмат, - деп Максат кубанганынан өзү түшүп, анан Гүлайымды колтуктай түшүрдү.

Үйүнө киргизип, алдыларына чайын алып келди, бир аз отургандан кийин:

- Даткайымдын ал-абалы кандай кызым, каттабай калганыбызга көп жыл болду, Толкун карындашым өлгөндөн бери он жылдай өттү, - деп Мухаммедали үшкүрүнүп койду. Аялы Койсунхан чоюлган аял экен, аш демдем, түрдүү даамдарды дасторконго жайнатты:

- Толкун жакшы эле, жалгыз кызы турмуштан тынбай калды деп, ошондон эле ооруп өтүп кетти, - деди Койсунхан сөз арасында.

- Эки бир тууган элек, алыска түшүп калды, - Мухаммедали жер карап, үшкүрүп алды дагы, - Даткайым жалгыз кыз эле… Гүлайым апасын көргөндөй баарын эске салды, - дегенде Гүлайым апасы жазган катты сунду. Мухаммедали аны окуп, бир топко ойлуу отурду да, - Жалгыз карындашымдын кызын жер каратпайм, үстүңөргө үй, алдыңарга көрпө-төшөк берип, өзүңөрчө бөлүп коем, кам санабагыла, - деди.

Даткайым балдары кеткенден он беш күндөн кийин эле жолго чыккан. Машина менен жетип келип калды. Келгенден кийин өздөрүнчө, Ош шаарынан үй алып, бала-чакасы менен бөлүнүп алды. Мухаммедали жээнине жакшы каралашып, келип-кетип турду. Бир күнү аларга каттагандардан Багышбек берип ийген кат келди. Аны окуп алып, Гүлайым өксүп ыйлап жатты.

- Атакем, атакемден айрылдымбы апа, эми эмне кылам, жалгыз кызы болсом, барбай каламбы?

- Кызым, кыркы да өтүп кетиптир, адегенде кайын-журтуңа бар, андан кийин атаңа Максат экөөңөр барып, куран окутасыңар.

- Кантип, эмне болуп өлүп калат, неге өлдү экен, менин кесирим эмеспи апаке, мен туура эмес иш кылдымбы, атамдын өлүмүнө себепкер болдумбу? - деп токтоно албай шолоктоп, ыйлап жатканда, Даткайым ага ойлуу, токтоо үн менен:

- Кызым, өлүм деген күтүүсүз кордук болот. Эч ким себепкер эмес, бир кудайдын колундагы алсыз пендебиз, анчалык өзөлөнө бербе, сен анын зордук-зомбулугунан аргасыз ушул жолду тандап алдың, тагдыр ошондой, бир жагынан кубантса, бир жагынан сыздатып кордукка салат, көтөрбөскө чараң жок кызым, - Эне кызын сооротуп, кучактап алып, өз өкүнүчүнө өксүп, өзү да ыйлап турду. Максат жумушка кеткен, ал Мухаммедалинин жардамы менен пахта эгүүдө иштеп жаткан. Кечинде келип, Гүлайымдын ыйлап отурганын көрүп, чоочуп кетти, Даткайым экөөнү өздөрүнчө сүйлөшсүн дегендей, сыртка чыгып кеткен эле.

- Гүлайым, сага эмне болду? - деп тизелей маңдайына отура калды Максат.

- Максат, атам өлүп калыптыр, кырк ашын дагы берип коюптур!

- Эмне болуп, качан өлүптүр, ким айтты? - Максат шашкалактап сүйлөп, сурап ийди.

- Мына, - деп Гүлайым катты берди, окуган Максат бир топко унчукпай турду да:

- Эми эмне кылабыз? - деди, оюнда тоскоолдук кыла турган кишинин жок болгонуна кубанып, атасына учуп, жеткиси келип турду.

- Барганда эл эмне дейт, атасынын өлүмүнө ушул эле себепкер деп, баары нааразы болушту да…

- Капаланба жаным, апама кеңешели, ал эмне десе угалы ээ?

- Макул, - деп Гүлайым, үнсүз дагы эле ыйлап жатты: "Атакем ай, кантип гана көз жумдуң экен, мени кечире көр атаке, тирүүңдө тилиңди албай койгонума кечире көр, көз жашымды көлдөтүп, башыңда отура албадым, айыбым сүйүп калганым, мени өз эркиме койбодуң атаке, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун", - деп мелтиреп, үнсүз көз жашын куюлтуп отурганда, Даткайым келди:

- Кызым, көз жаш төккөндүн да чеги болот! - болду жашыңды токтот. Максат деле минтип, сенин оюң менен болуп отурат, мен сенин көзүңдү карап, жалгызым деп жаныңда отурам, өлгөндүн артынан өлмөк жок, атаң жакшы эле жашады, элүү алтыга чыкты, силер атаңдай болбой мээримдүү болгула, - дегенде соолуктай басылып калды.

- Апа, эмне кылабыз, барабызбы айылга? - деди Максат Даткайымды суроолуу карап.

- Чогуу кеңешели балам, каттагандан атаңдарга бараарыңарды айтып, кат берип ийгиле, анан мен силерди камынтып жөнөтөм, адегенде, сен өз үйүңө алып бар.

- Ма-акул апа, сиз айткандай эле болсун.

- Садага болоюндар десе, эми кетсеңер, ошол жакта каласыңар, мен дагы жалгыз калат экенмин го, - деп Даткайым ичинен сыза отуруп калды. Ошол арада Гүлайымдын боюнда бар экени билинип кусуп, жүрөгүнө эч нерсе барбай кыйналып, жолго чыгалбай жатышты. Максаттын ою эртерээк эле атасына жетүү, анын ал абалын ойлоп, өзүнчө санааркап, арадан айлар өтүп кетти. Гүлайымдын ичи билинип калганда, жолго чыгышты. Даткайым аларды узатып кала берди.

Эки күн жол жүрүп, айылга жеткенде, аларды Жолоочунун агасы Болжурдун баласы Турдубек көрүп калды. Адегенде бир карап алып, анан унчукпай басып кетти. Болжурга келип айтканда ал:

- Тим кой балам, атасынын кебин укпаган, бизди укмак беле, келтирбегиле үйгө, Орозгүл аны бизсиз дагы жолотпойт, - деди түнөрө.

- Максаттын башын жарып, буту-колун сындырып коеюнбу ыя, ошол кызды азгырганы үчүн.

- Кой балам, канга - кан де,п өч алуунун артынан көп иштер болуп кетет, тынч бол.

- Көргөндө жиним келип кетпедиби, байкем ошол экөөнүн айынан эле өлдү, - деп Турдубек ачуулуу муштумун түйдү.

- Кыз өзү каалап жатса кантебиз, өз эрктерине кой, мен ал кыздын көзүн көрбөймүн, энесинче сүйүп-күйүп жүрө берсин: "төркүнү жок кыз, кадыры жок катын", - деген, өз жайына кой, - дегенде Турдубек унчукпай калды. Багышбек кирип-чыгып калган. Максаттардын келээрин угуп, бир коюн даярдап, күтүп жатышты. Күүгүм ченде экөө жетелешип, кирип келди эле, Карлыгач бир чыны сууну баштарынын айлантып чачып, беттеринен өөп, ичкери киргизди. Багышбектин алдына келип, Гүлайым жүгүнгөндө:

- Көшөгөңөр көгөрсүн балдарым, аман болгула, - деп келинин чекесинен өөп, уулун бооруна кысты, - Өмүрүңөр узун, өрүшүңөр жайык болуп, түбөлүк кол кармашып, жүрө бергиле балдарым, - деп Багышбектин үнү кардыгып кетти. Карлыгач жоолук салып, коңшулары келип чачыла чачып, жакшы тосуп алышты. Кой союлуп, казанда эт кайнап, эл чогулуп, той башталмак болгондо, короонун оозунда, атчан эки жигит пайда болду.

- Максатты чакырып коесуңарбы? - деди бири атын ойдолото, - Сөзүбүз бар!

- Максаттын колу бош эмес, - Эт бышырып жаткан бирөө корс этти.

- Колунун бошу бизди кызыктырбайт!

- Өзүңөр кирип, чакырып алгыла.

- Эркек болсо жашынбай чыксын!

- Кимсиң сен өзү? - деп баятан бери жооп берип жаткан Эмилбек, аларга басып барды, - Эркекмин деген силер ким?

- Биз Максаттан аласабызды алабыз.

- Кандай аласа?

- Балжырабай чакыр, сенин ишиң эмне? - деди бири. Эмилбек улакка түшүп, эңиште жеңип жүргөн неме кыжыры кайнай түштү.

- Түшкүлө аттан! - деп чылбырдан алганда, бири тааный койду да.

- Асалоому Алейкум Эмилбек байке, биз сизди тааныбай калдык кечиресиз, Максатка качан да болсо жолугаарбыз, жүргүлө балдар, - деди да, атынын башын бура чаап кеткенде, беркиси анын артынан жөнөдү.

- Ата-аңдын оозугурайындар десе, тапкан экен, буларды кара, - деп бери басканда, Багышбек алдынан чыкты:

- Кимдер экен?

- Көпкөн немелер го, Мусабектин баласынын достору, Максатка келиптир.

- Акмактар десе, Жолоочусунан зорго кутулуп, балдарым үйгө кайтканда, ошолор калыптырбы?

- Ошондо-ой байке, Максатты бир эки жыл биерге кармабай эле койгон оң, ың-жыңы билинбей унутулганда эле келишсин, эртелетип кайра жөнөт, - деп Эмилбек өз акылын айтты. Эмилбек Багышбек менен эки атанын баласы болуп кетет.

- Ошолордон коркуп, балам атасы тааныбаган жерди көрдү, эми эч жакка барбайт, ушулар менен чабышса-чабышып, өлсө мен өлөөрмүн, - деп Багышбек ачууланып жатты. Элди чакырып, келин келгенин шаани кылып, колу-коңшу менен тууган-уругуна чакан той берип, баш аягын жыйгандан кийин Гүлайымды атасына куран окутмак болуп, даярдык көрүп жатканда, аларга Жолоочунун инисинин аялы келди. Аны ызааттап, тосуп алып, дасторкон жайганда ал:

- Мени кечиресиздер, достук менен келбедим, атайын жиберишти, эшигибизди аттабасын, өлгөн кыздын бири деп айткын деп ачууланып жатат, кайнагам менен абысынымдын аманатын айтпаска аргам жок. - деди.

- Эмнеге жеңе, эмнеге чоң атам дагы мени көргүсү келбейт, айбым кайсы? - деп Гүлайым ыйлаганда:

- Биле албайм, айтып келген айбым кызыке, - деди да, аны жеке тамга киргизип алып, - Силер көп турбай биерден кетип калгыла, болбосо Максатка зыян кылып коюшат, Нарбек менен Турдубек экөө биригип алып, балдарды чогултуп жатат, түндөп дагы качпасаңар болбойт, - деди да, шарт чыгып кетти. Көпкө чейин буркурап ыйлаган Гүлайым, эсине келе калды да: "Максатка зыян кылмак дейби, эмнеге алар антишет, жо-ок мен Максатсыз жашай албайм, андан көрө бул жерден кетишибиз керек", - деди да укканын айтты Максатка. Экөө кеңешип, Багышбекке кеңешмек болду.

- Уулум, - деди Багышбек жер карай, - Мурдакыдай болгонумда эмне, оору алсыз кылды, эми Акматты үйлөнтүп, эптеп жашап турайын, силер эптеп көздөн далдаа болгула, адам жырткыч болом десе бир пастык, жапайы жырткычтарды да көз менен тике карасаң жалтанып басып кетет, адамдын жырткычтары жаман, - деп оор күрсүнүп алды.

- Мушташса-мушташам, ошолордон калмак белем ата.

- Болбойт балам, ачуунун алдынан чыкпа деген, алар акмактык кылса, сен акыл менен жеңишиң керек, - деди ойлуу, - Мен эки күндөн кийин бирди союп алып, өлгөндүн үйүнө бата кылуу үчүн аттуу-баштууну ээрчитип барып келем, ошондо кабыл алса алды, болбосо кеткиле биерден.

- Эмнеге мага алар кастык кылат, аларга мен эмне кылдым, Гүлайымды алып качканым болбосо… деп Максат унчукпай калды. Айткандай эле бирди союп алып, айылдын ак сакалынан төрт кишини, Карлыгач күйөөсү менен Жакшыбек болуп, түш ченде куржун көзүн толтура кант, чай кылып барып, Жолоочунун үйүнүн жанына барганда эле, Орозгүл кайнагасын-кайнисин чакыртты. Болжур келип, Бостон экөө Багышбекти көрүп, ачуулана кетти. Айыл кадырманы Кадыраалы:

- Болжур: "Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч", - деген, Багышбек өз балабыз, Жолоочунун өлүмүнө булардын тиешеси жок, кечиримдүү болгула, - деди эле Болжур тескери басып кетти.

- Бир тууганым өмүр бою каршылашкан неме менен мен эч качан эл боло албайм, кандай келсе, ошондой кете берсин!

- Ырайыңдан кайт Болжур, Жолоочунун арбагын сыйласаң, анын касын сыйла, өткөндү кечирүүгө аракет кыл, ортодо данакер болчу кыз турат, төркүнсүз кыз кылып, кызыңарды томсортосуңарбы, анда бүт урууңарга доо кетет, кызын сыйлбаган төркүн, кимди сыйлай алат?

- Бир кыз өлүп деле калат туура, калганы аман болсун!

- Болду Багышбек, артка кайткыла, карарган неме кудайдан табат, алдына келген кең пейилдигиңди сыйлабаса, булар кудайды да сыйлабайт, - деген Кадыраалы аларды артка карай бастырды.

Чогуусу менен Багышбектин үйүнө келгенде, дасторкон жайып, чай алып келип жүргөн Гүлайым алардын сөзүн угуп, ого бетер ичинен сызып: "Демек мен кечирилгис күнөө кылган экенмин, эмне кылсам, ичимде да турат, же Максатты кечип, төркүнүмдө калсамбы, Орозгүл апам эми мени кабыл алабы, жо-ок андай кылганым болбойт, түбөлүк Максат менен калам, апам аман болсо болду, эч кимим жок беле, көзүмдүн агы менен тең айланган апам менен Максатым турбайбы?", - деп чыйрала түштү, өзүнө-өзү кайрат берди, көзүнө келген жашты тыйып, өз ишине киришти. Максатты эч жакка чыгарбай жатышты. Бир күнү түн бир оокумда, бозого тойгон беш-алты атчан алардын үйүнө келип, тарсылдата чаап Максатты чакырып жатышты. Максатты чыгарбай Гүлайым өзү чыкты:

- Кана, ким керек силерге, Максаттын ордуна мен чыктым, ала турган өчүңөр болсо, менден алгыла!

- Гүлайым! - деди Нарбек аны көрүп эле.

- Ооба менмин, эр өлтүрүп, эриш буздум беле, же Максат силерден тартып кеттиби? Жоок, мен өзүм кеткемин, өлтүрсөңөр да, сабасаңар дагы мени сабагыла! - деди үнүн бийик чыгара, - Мен жакында балалуу болгону турам, Максат жок болсо, жашоонун да кереги жок мага!

- Гүлайым, сага тийбейбиз, Максат менен эркекче эле сүйлөшөлү дегенбиз, - деп Нарбек тайсалдай түштү.

- Ал эркек, эрдемсиген эркек эмес, акылдуу эркек, силер менен чабышпайт, чабышам десе да, мен жол бербейм, - деп колундагы бычакты көтөрө, - Же менин өлүмүмдү каалап жатасыңарбы?! - дегенде атчандардын бири:

- Максатты кантип таштайсың же аны биз сага жөнөтүп ийелиби? - деп каткырганда Нарбек.

- Болду кеттик! - деди да тынып, башын буруп чаап жөнөдү, калганы артынан кетти, короонун оозундагы керешкени жулуп, ыргытып ийишкен болчу. Мууну калчылдап кеткен Гүлайымды чыгып келе жаткан Максат кучактай калды. Өңү бузулуп, өзүн токтото албай кеткен Гүлайым зорго эс алды. Түнү бою укташкан жок. Багышбек санаа тартып, өз бөлмөсүндө: "ден-соолугум мурункудай болгондо эмне, эки бүктөп коймокмун, аттиң оору өз өкүмүн жүргүзүп, алсыздыгымдан кейидим", - деп уул-келинин аяп жатты. Эки күндөн кийин шашылыш Акматты үйлөнтмөк болду. Максат кете электе келин киргизип алып, анан жөнөтмөк. Карлыгач агасы басып, келин-уулу келгенден кийин үйүнө кеткен. Акматы жиберип, аны чакыртып, кем-карчын түгөлдөдү дагы, өзү сүйлөшкөн кызына жөнөтүштү, Айгерим татынакай кыз, мектепти жаңы эле бүткөн, ала качып келип, жоолукту салып, отургузуп коюшту.

- Келин кут болсун!

- Башыңарга баш кошулуп, ооруңдан сакайып, тилегиңе жет айланайын, - дешип колу-коңшусу менен туугандары тикесинен тик туруп, кызмат кылып жатышты. Кыздын артына он чактысы кууп келип, аларды тосуп алып күүлдөп:

- Кана кудалар, кыз-күйөөңөрдүн келечеги үчүн алып койгула.

- Бизге уул, силерде кыз бар экен, ушулардын бактысы үчүн! - дешип, кудалары менен бакылдап жатканда, кирип-чыгып кызмат кылып жүргөн Гүлайым, ичинене ызаланып жатты: "Эмнеге мени ушинтип, көңүлүм сүйгөн адамга, ак батасын берип узатпады, атам неге ушундай адам болгон, болбосо, мени жакшы көрчү эле го, же чындап эле кайнатам экөөнүн бет каратпас жоочулугу бар беле, кандай душман болду экен, же өзүнө тең кылгысы келбегендир, өзү көп мактанчу эле, бу киши мээримдүү, түшүнүктүү эле адам экен го?", - деп ойлонуп, эч кимге байкатпай, көз жашын шыпырып алды.

- Айгеримди киргизгенден эки-үч күн өткөндөн кийин Багышбек, уул-келинин жөнөтмөк болуп, Даткайым таштаган жылкыны сатты да, колуна берди, жолуна эт бышырып берип, кант-коньфет менен май сүзмөнү салып, түндөп шаарга жеткиргенге, машина сүйлөшүп салып ийди. Максат кеткиси келбеди, бирок келинчегинин да ичи чоңоюп калган, эшикке чыкпай үйдө жата берүүдөн тажады, акыры эптеп жашап турууга, атасынын басып калганына кубанып, жолго чыкты.

- Максат, - деди жолдо баратып Гүлайым.

- Эмне болду?

- Капаланган жоксуңбу?

- Эмнеге?

- Мен үчүн эл-жериңден кетип жатканыңа.

- Эч качан, сен үчүн жер кезүүгө даярмын.

- Мен дагы…

- Сен капаланбай жүрчү алтыным.

- Эмнеге?

- Өзүң билесиң да, мен үчүн аталарың кабыл албай койбодубу, болгону өз үйүңө бара албаганың болду, - деди кучактай, анткени, бир күнү күүгүмдө эч кимге билинбей, мүрзөгө барып келишкен.

- Сен жанымда болсоң болду, мен капаланбайм, жүрөгүм бир аз кыжаалат, аны сенин барың гана жууп кетет.

- Алтыным жаным, менден кам санаба, алар менен күрөшкө деле бармакмын, атамды эми кайра оорутуп албайын дедим да…

- Менчи, мени ойлободуңбу?

- Сени дагы, намысты ойлогондо, өзүм чыгып мушташмакмын, ушу силерди гана аядым да, - деп экөө жолгата кобурашып, Фрунзеге жетип келишти. Ошол эле күнү Ошту көздөй унаага отуруп, жөнөп кетишти…

Соно удаа-удаа үч уул төрөп алды. Сагынбек экөөнүн сүйүүсү андан бетер күчөп, бири-бирине кыя карашпайт. Балдарын эркелетип, бактылуу жубайлардан. Кайната-кайненеси жылдан жылга картайып баратты. Соно аларга жакшы карап, ысык чайын берип, кийимдерин кирдетпей, жуунтуп, тарап турат. Сагынбек иштеп жүрүп, канчалаган досторду күтүп, өзүнө абийир, кадыр-барк күтүп, бакыйган адам болду. Улуу агалары бала-чакасы менен келип-кетип турушат. Аңгыча май майрамы келип калды. Досунун начальниги Токтобек Назарбаев Сагынбекти сыйлыгы менен куттуктап, колуна конверт тапшырды. Ошол күнү анын үйүнө коноктор келип, майрамдап жатышты. Балдары бойго жете баштаган.

- Сагынбек, ушул майрамдарды ар дайым бирге тосуп келе жатабыз, эми сенин бүгүнкү алган сыйлыгың кут болсун, үйүңдө ар убак эле майрам боло берсин, - деди бирге иштешкен Дооронбек.

- Азамат, Сагынбек сыйлыкка татыктуу, - деп досу Чынарбек бакылдады, - Аял жакшы эр жакшы дегендей, аяшыбыз жакшы.

- Аялдын жакшысы жаман эркекти адам кылат достор, чын эле Соно аяш жакшы аял болсо керек? - деп ар кимиси бакылдап жатып, Соного сөз беришти.

- Кана эмесе Соно, бир жакшы сүйлөп кой, - деп Чынарбек ага караганда, Сагынбек күлө:

- Сонону көлөкө жерде бактым эле, элге кошпой эриктирбей жүрдүм эле, бүгүн бир бугун чыгарып алсын, - деди.

- Көлөкө жерге багаарым, көңүл оорутпай багаарым, күн тийсе эгер жүзүмө, үлпүнчөк жаап багаарым, - дегенде күлүп калышты, - Эми мен сүйлөсөм, ар дайым майрамыбыз да, жакшы күндөрүбүз дагы бирге болуп, аман-эсен ойноп-күлүп жүрө берели, ушундай күндөрүбүз көп болсун!

- Рахмат аяш, уул-кыздарыңарды татыктуу тарбиялап, ынтымактуу өмүр сүргүлө!

- Үйүңөрдөн ырыскы кетпесин, бактылуу болгула, - дешип, көпкө отуруп, анан үй-үйүнө жөнөдү. Алар кеткенден кийин Сагынбек ата-энесине тамак берип, орун салып жаткырып жаткан Сонону чакырып алды. Бир аз кызуу, Соно кирип, балдарына орун салып жатса, кучактап алды.

- Соно, сен мени сыйлайсыңбы?

- Эмнеге?

- Деги да, досторумдун баары сени мактаса, кызганып кеттим.

- Ой жинди десе, ошого да кызганасыңбы?

- Кантип, койнумдагы аялымды, болгондо дагы сүйүп алган жарымды, бирөөлөр асманга жеткире мактап жатса, мени таштап кетеби деп, коркуп жатам да?

- Койсоңчу, балдар чоңоюп баратат, андан көрө, ошолорду жакшы тарбиялайлы. Биздин жакшы жагыбызды көрсө жакшы, жаман жагыбызды көрсө жаман болушат, - деп Соно күйөөсүнүн кучагынан суурула төшөгүн салып, эң кичүү баласынан уялып, жатып калды.

- Балаңды карап, мени карабай калдың.

- Сенин булар турганда эмне керегиң бар? - Соно эмне дээр экен деп, ары карап жаткан бойдон үн катты.

- А мага сенин сүйүүң керек, - деп жанына жатып, аркасынан кучактап алды, - Сүйүүңдү аябайсыңбы?

- Менин сүйүүм балдарыма ооп кетти Сагын.

- Мага эчтеке калбадыбы?

- Жок, - дегенде карыдан өзүнө карай тартты.

- Эмнеге же башка бирөөнү жактырып калдыңбы?

- Эмне болду Сагын, бирөөнү жактыргандай көчөдө жүрөмбү? - деп таң кала өйдө болду.

- Балким келгендердин бирөөсү жагып калгандыр дегеним да…

- Сагын койчу ушундай сөздү, кандай аял үйүнө келгендерди күйөөсүнөн өтө жактырып калсын? - деп таарынгандай тетири бурула бергенде, шак эттире бет талаштыра чаап жиберди. Мындайды күтпөгөн Соно бакырып ийди да, унчукпай жатып калды.

- Сен балдарды бетиңе кармаба, сенин түрүң жаман, мени жактырбай калыпсың, - деди да, тетири карап, жатып алды.

- Сагын, эсиңе келчи, бир аз теңтуштарың менен ичкениңди көтөрө албай, бул эмне кылганың, атамдар укса эмне дейт? - деп ыйлап жатканда, Кудайберди менен Тургунбү баш бакты.

- Эмне болуп кетти балам, эмнеге бакырдың?

- Эчтеке деле болгон жок апа, - Жоолугун башына сала Соно өйдө болду, - Чоочуп кетпедимби?

- Ии-ий, чоочуп кетпедиби, ботом катуу бакырдың да, - деген Тургунбү чалын жетелей бөлмөдөн чыга жөнөдү. Сагынбек жаткан бойдон козголбоду. Соно жатып алып, ыйлап, сооронду да: "Үйгө келген дос-жоролорунан кызгана берсе, кандай болот, кой муну ачык айтып түшүндүрөйүн, болбосо, жашообуз оңолбой калат, балдар чоңойгондо, элге шерменде болуп жүрбөйлү", - деп ойлоп жатты. Эртеси эрте турган Соно чайын кайнатып, дасторконун жайып, күтүп отурду. Бир кезде, Сагынбек башын кашый сыртка чыкты, жуунганга суу даярдап, күтүп турган Сонону көрүп:

- Сага эмне болгон? - деди кабагын чытый.

- Эчтеке.

- Көзүңдүн алды көгөрүп калган го?

- Койчу? - Соно үйгө кирип караса, ырас эле көзүнүн алды шишип, саал көгөрүп калган экен.

- Бирдемеге уруп алдыңбы? - деди артынан кирген Сагынбек.

- Сен өзүңдүн чапканыңды билбейсиңби?

- Койчу, мен эмнеге чабам?

- Билмексен болбочу, - Соно тултуңдай чыгып кетти.

- Соно, кантип эле чаап иймек элем, сен ачууга тийдиң беле? - деп артынан кошо чыкты Сагынбек, - Капа болбочу жаным.

- Сагын, сени менен мен жакшылап сүйлөшүшүм керек.

- Эмнени, айта бер угам алтыным, - Сагынбек келинчегин кучактамак болду, - Эмнени сүйлөшмөк элең?

- Мындан ары дос-жоро күтпөйсүң!

- Эмнеге?

- Үйгө досторуңду ээрчитип келип алып, мени уруп отурсаң, биз жашай албайбыз.

- Кызык, эмне болуп кетти?

- Эмне болгонун көрүп турбайсыңбы? - Сононун көз чанагы жашка толо, ызалуу карады, - Мен сени ушуга барбайт деп ойлогом, кызганычтын дагы чеги болот, үй-бүлөөнүн ыдырашына алып келет, уруш-талаш күчөп, ажырашууга чейин жеткирет…

- Кечир Соно, эчтеке билбейм, сени урмак тургай жаман сөз айткым келбейт, ишенчи алтыным, - Сонону ой боюна койбой, кучактап алып, өпкүлөп кирди. - Жаным кечир мени, апамдарга айтпачы ээ?

- Болуптур, биринчи жолкусун кечирем, оозумдан жел чыкпайт, - деп аялдык мээримдүүлүгү жеңип, жылмая карады, - Экинчи жолу кайталанса, мен бул жерден кетем, биротоло!

- Кечир жаным, экинчи кайталанбайт.

- Мейли эми, жумушуңа жөнө, - деп костюмун колуна берип, эшикке түртүп чыгарып баратканда, Кудайберди сырттан кирип келди эле, Соно артына кирип кетти. Уялганынан эки бети чымырап чыкты: "Курган жаным, атам эмне деп ойлонуп калды, үч балалуу болгондо, күйөөсү менен ойноп калганы эмнеси деп айтат го?", - деп үйгө кирип, кайненесинин жаткан ордун жыйыштырганга киришти. Тургунбү келинине ыраазы болуп, басса-турса алкаганы калбайт, дагы ошол адатын карматып:

- Садага болоюн, кудай жалгап, уулдарыңдан урмат көр балам, Сагын ишине кеттиби? - деди.

- Ооба апа кетти.

- Ийи, иштей берсин каралдым, балдар уктап жатабы?

- Ооба, алар азыр турбайт го?

- Уктай берсин, ырыстарым десе, ырыскыңар кемибей толо берсин, - деп бети-колун жууганы сыртка чыкты. Кудайберди үйгө киргенде, Соно уялганынан билгизбей дасторкон жайып, чайын коюп кирди. Ошол бойдон эч ким эчтеке билбегендей болуп калды. Кемпир-чал кирип чыккандан башка эч нерсеге жарабай калган. Соно өзү дагы: "Ооруп төшөк тартып жатпаса экен, оорууну багуу кыйын, эптеп эле жүрө берсе экен", - деп тилечү. Соно сыртта жүргөндө, абысыны Гүланда келип калды.

- Кел жеңе, кандай балдар чоңоюп жатабы? - Соно абысынына жаркылдай учурашты, - Кириңиз үйгө.

- Апамдар үйдө элеби?

- Ооба, кайда бармак эле, үйдө эле..

- Соно, менин кызым Ошко күйөөгө чыгып кетиптир, окуп жүрүп таап алган у, - деди Гүланда кирип баратып.

- Бактылуу болсун жеңе, жакшы болуптур, күйөө бала кут болсун!

- Рахмат, - деп кирип, кайната-кайненесине учурашып, отуруп калды:

- Жакшы жатасыздарбы ата, кандайсыз апа?

- Жүрөбүз айланайын, өзүңөр бала-чака менен тынчсыңарбы?

- Тынч эле, Алима турмушка чыгып жатыптыр, тойго чакырып ийиптир, Соно менен баланы барып келсин деп келгем.

- Садага болоюнум десе, Алима да чоңоюп калган туура, мейли бактылуу болсун, барган жеринен бак айтсын, каерге - кандай жерге барыптыр?

- Оштон экен, анык-даанасын айтпаптыр, тойго чакырыптыр, үйлөнүү тоюна барышыбыз керек экен.

- Мейли, өзү жактырып барса, тынып калса болду.

- Бала келсе айт, экөөңөр тең барып, келбесеңер болбойт, мен барам, Ашымбектин колу бошобойт, - Кайненесине күлө карады, - Апа сиз барып келбейсизби, чоң энеси болуп же атам барабы?

- Койчу ботом, өзүбүз зорго отуруп-туруп жүргөндө, Ошко бармак кайда, андан көрө ак батабызды бердик балам, Алимам бактылуу-таалайлуу болсун, барган жеринен агарып-көгөрүп, ууртун уул-кызартып кыз көрүп, очор-бачар, ордолуу шаар болсун, оомийин! - деп Тургунбү бата берип, анан Соного карады, - Жеңеси барсын, Сагынбек экөө барсын, карындаш - кайынсиңдиси.

- Аныңыз туура дечи, эмне алып барабыз, менде бир шырдак бар, дагы бирдеме алып барыш керек, колубузда эчтеке жок уялып жатабыз, ата-энеси дегенде, кол куушуруп барсак эмне болот, Алима томсоруп, сынып калат го апа?

- Ботом, атаң келсинчи, эмеле отурду эле, кайда кетип калды?

- Атам тиги досуна кеткен, - Соно жооп бере салды.

- Чакырчы балам, - деп, Соно чыгып кетээри менен. - Ме муну ал, үч айлык пенсиябыз, анан үйдөгү шырдак, ала-кийизди берейин, чоң энең берди, - деп Алимага айтып кой, - деп чөнтөгүнөн акча алып чыгып берди. - Алты жүз сом кыйлага жетет деп, тынчтанып отуруп калды. Кудайберди киргенде, - Ой чал неберебиз Алима күйөөгө чыгыптыр, үйлөнүү тоюна чакырып ийиптир, эмне кылабыз? - деди.

- Каякка чыгыптыр?

- Ошко.

- Кудай уур, сартка тийип кетиптирби? - Кудайберди кемпирине ормое карады.

- Кимге барса да, каалап барды да, окуп-чокуп алсын десек, күйөө таап алса кантебиз, бак айтсын дейли…

- Торпокту сатып алгыла анда.

- Ошент, антпесеңер кызымдын жүзү жер карап калат, - деп Тургунбү кубана келиндерине карады, - Качанкыга барасыңар?

- Келээрки бейшембиде барып, калышыбыз керек.

- Жетесиңер, кийим-кечени жакшы ал, бир килем алгыла, Сагынбек менен Соно бир шырдак, бир ала кийиз алып барат, кийити даяр, - деп Тургунбү көңүлү жайлана түштү. Гүланда кубанып, үйдөн чыкты. Аларда бар болсо деле, митаамдык кылып атайын келген эле. Торпокту сатып ал дегенине жым дей түштү: "Алтын чынжыр сөйкө алып алайын, эл көзүнө зыңкыйып кийинип барбасак болмок беле", - деп үйүнө кубанычтуу келди.

Соно дагы өзүнчө камданып жатты: "Ош деген чоң шаарга үлпөт тойго барсам, эл көрө тургандай болуп барайын, Сагын келсе аванс алып бер деп айтам, алтын сөйкө чынжыр алып алайын, колума шакек алганга, апама барып келейин", - деп кыялданып жатты. Сагынбек жумуштан келгенде айтты эле ал:

- Ошко барбайм, Соно менен жеңем барып келсин, - деди.

- Ботом, Ашымбек дагы барбаса, сен агасы болуп барбасаң, кантип болсун?

- Акем эмнеге барбайт, тун кызынын тоюна, өзү эле барып келбейби?

- Ал дагы барбайм деп жатыптыр…

- Эмнеге, барып келе бербейби?

- Ал атасы, барбаса мейли, агасы сен сөзсүз барышың керек да, оштуктардын ызаат-сыйын көрүп келгиле, Алиманым кандай жерге барганын билип-көрүп келгиле, - деп Тургунбү уулун көндүрө албай жатты. Соно болсо, өзүнчө кымыңдап, жер көрүп келгиси келип: "Сагын барбаса койсун, ээн эркин барып келем, ырдап-бийлеп койсом кызганып, бирөөнүн жеринде урушуп жүрбөй, барып келейин", - деп ойлонуп жатты: Сагынбек унчукпай калды, агасы барбаса, өзү бармак ойдо болду: "Уят го чын эле, акем өзү барбаса дагы, мен барышым керек, эч кимиси жоктой болуп, Алима томсоруп калат", - деген чечимге келди. Эртең менен жумушуна барып, дароо аванс сурады. Начальник ага эки дечү эмес, бермек болду. Соно болсо, эң кичүү баласын ээрчитип алып, Толкунга барды. Ал эшикте жүргөн, анда-мында келген кызын тосуп алып:

- Кандай, кудалар аман-эсен жүрөбү? - деди.

- Жатышат, өзүңүз кандай жүрөсүз апа?

- Жатам балам, неберелердин түйшүгү жүдөтүп жатат, же өздөрү алып кетишпейт, балдары тим эле ээн баш, коңшулардын балдары менен урушуп жанды койбойт.

- Алып кеткиле дебейсиңби, өздөрүн багып, эми балдарын бакканың калыптырбы, карыганда сени кыйнаганы эмнеси? - деди Соно апасын аяй карап. Толкун тапкан ташыганын алып келип, кызынын алдына койду. Уулунун балдары талашып, урушуп кирди. Сононун балдары бири-бири менен урушчу эмес. Урушуп жаткан балдарды карап, колундагысын берди Соно:

- Ме аласыңбы?

- Койчу, мен сеникин албайм, - деп басып кетти эле, бириси шып жете:

- Мага берчи, - деп алып кетти.

- Ала бер, деп берип күлүп калды Соно.

- Өлүгүңдү көрөйүндөр десе, жалаңкыч тим эле, бар эшикке чыккыла, - деп Толкун ачуулана кууп чыкты неберелерин.

- Апа, мен кетейин, мен сизден бирдеме сурап келгем, - деп Соно апасын карады, анан оюндагысын айтып киргенде, Толкун төш чөнтөгүнөн түйүнчөк алып чыкты да:

- Ала гой кызым, силерге бербегенде, кимге бермек элем, үч жүз сом бар, өткөндө Өмүрбек сураганда бербей койдум эле, өзү иштеп жатып да, менден сурашат.

- Рахмат апа, - Соно апасын кучактап, эки бетинен өөп кубанып, үйүн көздөй жөнөдү. Жолдон кайрылып, өзүнө керектүү кийим алды, анан алтын сатчу аялга барып, чынжыр менен сөйкө алды, шакекке жетпей калды: Сагынбек аванс алса, кошуп алып алам", - деп үйүнө келди. Келип карыларга чай тамагын берип, өз ишине киришти. Сагынбек дагы Ошко барууга кам көргөндө, ага костюм шым алып берди. Ошентип, катуу камынышып, эки абысын биринен-бири өтө жасанып алып, көтөрүнчөктөрүн автобуска жүктөп, жолго чыгышты. Ош автобекетине жетээри менен такси жалдап, дареги боюнча жетип барышканда, кудалары жабалактап тосуп алышты. Бул Мухаммедалинин үйү болчу, небереси Алимага үйлөнүп, үйлөнүү тоюн өткөрүп жатышкан. Кудалары келгенден кийин салтанат башталды. Даткайым менен Гүлайым, Максаттар дагы тойдо жүрүшкөн. Тууган-уруктары сөз сүйлөп, эки жашка бак-таалай каалап жатты. Шарух менен Алима жаштар менен бир чети. Адегенде туугандары сүйлөп келип, анан Даткайымга сөз берди.

- Айланайындар, - деди Даткайым элди тегерете карап, - эки жаш ылайым бактылуу болсун, кармашкан колдору бөлүнбөй, өмүр бою бирге жашап, өмүрлөрү узак болушсун, - деди да белегин берди.

- Эмесе келинибиз Алиманын апасы менен ага-жеңелерине сөз берилет, - деди тойду башкаруучу шакылдай.

- Мен эмне дейин, - деди Гүланда бир аз толкундануу менен, - Эки жаш бактылуу болсун, кармашкан колдору ажырабай, түбөлүк бирге өмүр сүрүп, биздин ата-энесинин кубанычы болуп, улууну сыйлап, кичүүнү урматтаган, кыргыздын жакшы уул-кыздардан болуп, аман жүрүшсүн, ата-энесинин белегин тапшырып коюуга уруксат этиңиздер!

- Рахмат-рахмат, - деп колунан шырдак, ала кийиз, килемди, анан акча салынган конвертти алып, ары басты алып баруучу. Кыз-күйөөсүнүн бетинен өөп, кубанганынан ыйлап ийди. Андан кийин Сагынбек сүйлөдү, ал өз белектерин тапшырды. Андан кийин чогуу столго отуруп тамактанып, тост көтөрүлүп, жаштарга жакшы сөздөр ыроолонуп жатты. Ыр кесе башталып, бирден ырдап, акыры кезек Соного да жетти. Ал бир аз кыстоо менен ичкенге жүзү албыра созолонуп ырдаганда, кол чабылып кубаттап калды эле, Сагынбек бир карап койгондо, унчукпай калды Соно. Ыр кеседен кийин бийге түшүштү, Соно кудагыйлары менен бийлеп жаткан. Сагынбек кудаларынын жаңсоосу менен ары барып, жүздөшүп туруп калды. Гүланда дагы кызуу, бийлеп жүрдү, бир кезде, орто жашаган адам Соного келип:

- Кудагый, бирге бийлегенге уруксат бекен? - деп колун сунду эле:

- Кудам менен бийлесе, бийлеп коебуз, - деп шакылдай бийлеп кирди. Салабаттуу адам менен бийлегенин көргөн Сагынбек, бери көздөй басып келе жатканда, кайрадан кудасы алып кетти, Шарухтун атасы Мамедиса Сагынбекти сыйлап, өзүнчө бөлмөгө алып кирип, коньяк куйгандан кийин ал өтө кызып калып, конок бөлмөгө жаткырып коюшту. Соно бир аз бийлегенден кийин эки жашка бата берилип, тойго келгендер тарап кетип жатты. Эртеси жанында жаткан Сонону түрткүлөп:

- Суу алып келчи, - деди башы зыңгырай.

- Кимге барам, суусу кайда экенин билбесем, - Соно өзү дагы башынын ооруп турганын айткан жок, - Акырын эми, бирөө көрсө эмне дейт?

- Эмне десе ошо десин, жеңем кайда жаткан?

- Ал Алиманын жанында го?

- Тур бирдеме алып келчи.

- Кызык, өзүбүз конок болсок кимисин тааныйм? - деп күңкүлдөшүп жатканда, бөлмөгө Гүланда кирди:

- Ойгондуңарбы?

- Ооба, кайниңиз суу ичем деп, мени кыйнап жатат.

- Азыр мен Алимага айтайынчы, - Гүланда кайра чыгып барып, суу алып келип берди. Ал күнү кетирбей коноктоп, өздөрүнчө кой союп сыйлашып, эки-үч күн туруп калышты. Кыз-күйөөсүн көрүп, көңүлү жайланган Гүланда мактап эле жатып калды. Кубанып да турду. Жашоолору ойдогудай, турмуш жайы тыкан, бардар жерге туш болгонуна жетине албай, айылга кубанычтуу кайтышты. Сагынбек кызуу келди үйүнө, Гүланда менен Соно жөнөөрдө анча ичишкен эмес. Адегенде чогуу эле Кудайбердилерге келип түшүштү, келээр келгенче уктап келген Сагынбек эч нерсеге карабай, ичке кирип жатып алды.

- Ийи, кандай эл, кандай жер экен, кыздын көңүлү жакшы элеби? - деп сурады Тургунбү эки келинин карай суроолуу.

- Жакшы апа, кыз өзү каалап, экөө сүйлөшүп, анан баш кошушуптур, - деди Соно.

- Кудайга шүгүр апа, Алима жакшы жерге барыптыр, экөө бирге окуйт экен, бардар-колу ачык бапыраган адамдарга туш келиптир небереңиз, - Гүланда сумкаларын ачып, кешиктерди, устукандарды, кудалары салып бергендерин алып чыкты, - Бул небереңиздин тоюнан, ооз тийгиле апа, ата алыңыз.

- Ээ балам, ичкен жегенде эмне, кызыбыз тынып калса болду го, өзү каалап чыкса болду балам, - деп келиндеринин жакшы маанайда келгенине, ичтен кубанып алды. Алып келгендеринен ооз тийип, батасын беришти чал-кемпир, андан кийин Гүланданы узатып, Соно машинага салып келди.

- Апа, балдар кыйнаган жокпу? - деди кайра келгенден кийин.

- Жо-ок балам, менин балдарым жоош, үйдөн чыгышкан жок, болпоюп эле өздөрүнчө, үйдө эле болушту, бойго жетип калбадыбы?

- Ошентсин, силерди кыйнап койдубу деп сары санаа болуп жаттым, - деп Соно кайненесинин көңүлүн жайкай сүйлөгөндө Тургунбү:

- Сен жолдо чарчап келдиң балам, эс алып ал, оокат-тиричилик курусун, дүнүйөдө бүтпөйт, андан көрө уктап ал, - деди.

- Макул апа, ырас эле эс албасам, башым ооруп турат, аябай чарчадык, - деп өздөрүнүн бөлмөсүнө кирип, жатып калды. Ал жаткандан кийин Сагынбек ойгонуп, диванда жаткан аялынын жанына келди да:

- Кудалар менен бийлеген жактыбы? - деди акырын.

- Жакса жакпаса да бийледим, кыздын тоюнда эчтеке көрбөгөн жапайыча качайынбы?

- Деги да, жакшы өттү ээ той?

- Эң сонун, Алиманын багы бар экен, жакшы жерге туш болуптур, өзү дагы жакшы кыз да.

- Ооба-а, сен эми мага бир кыз төрөп берсең, жакшы болмок, балдар үйлөнүп кетишсе, кызыбыз бизге эрмек болот эле, - деп аялынын жүзүнөн сүйдү, - Мен сенин сулуулугуңду Оштон бир байкадым, тагынган алтындарың элдин ичинен биринчи көзгө көрүнөт, качан алгансың аларды?

- Апаман акча сурап, тойго бараарда алгам.

- Туура кылыпсың, жупуну болбой, бирок карынын акчасын аңдыганың болбойт, айлык тийгенде берип койгун, - деди Сагынбек жанына жатып, - Жеңем экөөңөр аябай даярданган экенсиңер.

- Анан ошончо жерге барып жатсак, болгондо дагы үйлөнүү тоюу болуп жатса, шелпейип барабызбы, бизди көргөн Алима да басынып калмак, көрдүңбү кудагыйды, катар-катар чынжыр, үч салаасы толо шакек, тиши да алтын экен, силер антип аял баксаңар, милдет кылмаксыңар.

- Айлыгымды апама берген жокмун, өзүң алып жатасың, баарына жеткирсең болот да.

- Ма-акул эми, алтыны жок эле кудай бизге ынтымак берип, аман-эсен жүрөлүчү, мен аябай чарчадым, уктап алайын, сен эс алып калдың окшойт, - деп Соно ары бурулуп кетти.

- Эс алсаң, эс алып ал, алыс жолдо кыйналдың, эки саат уктап алсаң эле, оңолуп каласың, - деди да Сагынбек туруп барып, төргө жатып алды. Кечке маал ойгонду Соно, башынын ооруганы билинбей, эс ала түшүптүр, туруп балдарын карап, кечки тамак жасоого киришти. Бир аз болсо да, көңүлү көтөрүлүп, көңүлдүү иш кылып: "Кыз төрөп берчи", - деген Сагынбектин сөзүн эстеп, жылмайып алды. Өзү деле кызды жакшы көрөт, бирок адамдын оюндагыдай боло бермек беле, үч уулунан кийин төрөбөдү. Алар кээде кызганычтан чукулдаша кетчү болду, андайда Соно баарына туруштук берип, үндөбөй калып кутулат, күйөөсү кээ-кээде иче койчу, аны да туура түшүнөт: "Эл менен иштешип жүргөн неме ичпесе болбойт, өзүнө ынсап берсин", - деп унчукпай жаткырып коет, сөгүнүп, урушканда көзүнө урунбай чыгып кетип калат. Ошентип оош-кыйышы болуп турчу аманат жашоодо, билинбей өмүрлөр өтүп жатты…

Максат Ошко келгенден кийин кайрадан иштеп алды. Бара-бара Гүлайымдын ичи чоңоюп, төрөөрүнө жакындап калган. Даткайым бир ашканага кирип иштеп алып, кээ-кээде эле келбесе, көп келбей баратты, элүү экиден өтүп калган Даткайымды шеф повар жактырып калып, колун сураганга көп болду. Ал таптакыр болбой жүргөн эле. Максат келип эле, келинчегин имере кучактап алып өбөт да курсагын тыңшайт:

- Кана-кана, менин уулум качан чыгам деп жатат ыя?

- Аа-аз калды, кыз эмес эркек экенин кайдан билесиң? - Гүлайым эркелей бырсылдап күлөт.

- Билем, мына өзү мага айтып жатат, - Ого бетер кулагын курсагына такай, - Уулум, качан чыгасың, апаң экөөбүз аябай күтүп жатабыз, сен жигитсиң ээ уулум? - деп сыйпалай көпкө турат.

- Койчу Максат кытыгым келип кетти.

- Уулум менен сүйлөшсөм да болбойбу? - Максат таарына терс бурулду, - Жадагалса, уулум менен тааныштыргың келбейт, сен кимсиң деп жатпайбы?

- Койчу калп эле, ошентип сураганда, курсакта жатмак беле?

- Эңкейип өзүң кулагыңды тоссоң, - дейт каткырып Максат, - Тыңшай аласыңбы?

- Кантип? - Гүлайым дагы кыткылыктайт, - Адегенде, сен кулагыңды курсагыңа тыңшап көрчү?

- Менин кулагым курсагыма жетет, сен жеткире албайсың, балам экөөбүзгө тоскоол болбо!

- Болуптур эми, - деп жылмайган Гүлайым өздөрүнүн бөлмөсүнө кирип жатып алды, - Уулуңдун карды ачыптыр Максат.

- Азыр-азыр, заматта уулум экөөңөрдү тең тойгузам, - деп Максат шыпылдай ашканага кирип, тамак жасап кирди, артынан акырын Гүлайым кирип:

- Кандай, жакшы ашпозчу болчудайсыңбы? - деди күлө.

- Аябай, бирок үйрөнчүк ашпозчумун.

- Анда тамагың жакпай калсачы?

- Жага турган жасайм, - деп куудулдана күлүп, шыпылдай жасап жатты. Бул эки жаштан өткөн бактылуу жан жок эле…

Даткайым бул учурда Мухаммедалинин үйүндө болчу, ал чакырып алып, турмушка чыгуусун өтүнүп жаткан, бирок Даткайым жалгыз кызынан, күйөө баласынан тартынып жатты. Ага Мухаммедали болбой:

- Кызым, сен кыйналба, кыз-күйөөгө мен айтам, али жапжашсың, ансыз да турмуштун азабын көп тарттың, турмушка чыгып алганың жакшы, Жусупжан ашкан бай адам, ал сени кор кылбайт, - деди.

- Тага, кыз-күйөөм эмне дешет, ансыз да алар качып, элинен безип, зорго жүрүшсө, сизге жамынып, жашап жатабыз, - Даткайым моюн толгой үн катты, элүүдөн ашканда, күйөөгө чыкканым болбойт го?

- Болот, эмнеге болбосун, жаштар эмнени билет, мына балалуу болушса, анан баарын түшүнөт, мен Гүлайымга жакшылап түшүндүрөм. Тага, жээн сүйлөшүп отурушуп, көптө жатты. Эртеси Даткайым жумуштан кийин үйүнө барды. Гүлайым эркелей эки бетинен өөп, тосуп алды, эт май көтөрүп алган. Алып келгендерин ашканага киргизип, эртелеп тамак асып коюп, анан:

- Кызым, акыбалың жакшы элеби, кыйналган жоксуңбу? - деди.

- Жок апа, баары жайында, - Гүлайым жаадырай күлүп, жанына отурду, - Сиз эмнеге үйгө келбей калып жатасыз апа?

- Тагамдын үйүндө жардам бере турган иштери бар экен кызым, жакында кызын күйөөгө берет эмеспи, себин даярдаганга түнкүсүн жардам берип жатам, - деди ойлуу Даткайым.

- Ий, тагам аябай сонун киши ээ, тайнем да ушундай беле апа?

- Апам дагы жакшы аял болчу кызым, түшүнүктүү - пейили кең…

- Апа таенемди ойлоп кеттиңизби, кечирип коюңузчу, мен сизди капа кылып алдым окшойт.

- Жо-ок кызым, эмнеге капаланмак элем, сен аман-эсен көз жарып алсаң болду, неберемди чоңойтуп, ошентип бактылуу таене, бактылуу эне болом, - Даткайым күлмүңдөй кызын бооруна басып, чачынан жыттап койду, - Ырысым менин, силер кейибей жакшы жашасаңар экен, - деп сүйлөшүп отурганда, эшиктен Мухаммедали кирди, ал келгенден кийин чогуу чай ичип, аркы-беркини айтып отурганда, Даткайым сыртка чыгып кетти, ал чыгаары менен Максат кирди.

- Балдарым, - деди Мухаммедали Максат жайланышып отургандан кийин, - Мен силерге жооптуу бир нерсени айтмакмын, - Экөөнү алмак-салмак карады, - Апаңарга уруксат бергиле, уулу же кызы болсо, энеге үч жолу күйөөгө чык апа деп, айтыш парз, сен кыз болсоң дагы, Даткайымдын жалгыз тукумусуң, ошондуктан апаңдын күйөөгө чыгышына уруксат бер, - деди эле, Гүлайымдын көздөрү балбылдай жайнап кетти:

- Кантип, апам турмушка чыгабы?

- Эмнеге болбосун, апаң али жаш эле бойдон, турмуштан азапты көп тартты, эч ким анын багын ачууну ойлобоптур, ажырашкан учурда өзүм билгенимде, эбак эрге бермекмин, эми силерден жооп болсо эле, күйөөгө берем, жалгыз жээнимдин бактылуу болушун гана тилейм.

- Апам өзү билсин, - деди көптөн кийин Гүлайым Максатты карай.

- Туура апамдын өзү билгени жакшы, - Максат дагы ушинтти. - Биз эми, турмушка чык деп айталбайбыз го тага.

- Ооба тага, апам өзү чечип, өзү эле билсин, биз акыл айталбайбыз да…

- Болду анда, сүйлөштүк ээ, апаңа мен айткан сөздү айтпагыла, - деп Мухаммедали ордунан турду да, чыгып кетти. Даткайым кеч кирди үйгө, эч нерсе билбегендей болуп киргенде, Гүлайым сезди, бирок күйөөсүнүн көзүнчө эч нерсе деген жок: "Демек тагамды ортого салган экен, мейли канча жыл жалгыз үйдө жашап, менин гана бактылуу болушумду тиледи, көп азап тартты, эгер жакшы күйөө болсо, өзү билсин", - деп ойлонуп алды.

Көп өтпөй эле Мухаммедалинин кызынын тоюу болуп калды. Токтогулдан Сагынбек менен Соно, Гүландаларды чакырган, алар келип, той шаңдуу өтүп жатты. Оштун элинин кыз бергени айрыкча башкача эмеспи, кызы өзбек улутуна күйөөгө чыгып жаткандыктан, күйөө тарап, керней-сурнай тарттырып келишти. Даткайым кызы болуп, тойдо дагы кызмат кылып жүргөн, Соно менен Даткайым дасторкондо бирге отуруп, жылдыздары келишип калып, сүйлөшүп калды.

- Сен ушул жерден болосуңбу, көзгө тааныш көрүнүп турасың, - деди Соно сөз арасында.

- Мен да силерди көргөндөй болуп турам.

- Таласта жашаган жок белеңер?

- Жашагам, ошол жактын кызы болом.

- Ошондой, ал кезде силер деле жаш болсоңор керек, менден кичүүсүңөр го?

- Ким билет, Таластын кай жеринде болдуңар эле?

- Кырк-Казык деген айылда.

- Мен дагы ошол айылданмын.

- Анда Кубанычбек дегенди билесиңби?

- Билбей анан, мындайыраак байке болот мага.

- Ошонун улуу баласын тааныйсыңбы?

- Эң улуусу Артыкбайды тааныйм, аны башка аялдан деп жүрүшөт, мен көргөмүн ал аялын, бирок кийин өлүп калды дешти го?

- Өлүп калды дештиби? - Соно бүткөн бою муздап, муундары калчылдай түштү, - Артыкбай үйлөндүбү анан? - деди зорго.

- Үйлөнө элек, мен күзүндө үйлөнтөт деп уккан элем.

- Кандай бала болду, айтчы Даткайым, мен уккум келип жатат.

- Абдан жакшы бала, аны анчалык эмнеге сурап калдыңыз?

- Сен кайдан билесиң Даткайым, ошол Артыкбайдын энеси мен болом, өлдү , баламды мага көрсөтпөй коюшкан, эки жарым жашында калган, - деп ыйлагысы келгени менен тойдо отурганын эстеп, өзүн кармап турду.

- Сиз Артыкбайдын апасы болосузбу?

- Ооба, ал мени ойлобойт чыгаар… бирок менин эсимден балам түк чыкпайт Даткайым, балдарым бой жетип баратат, үйлөнө элек, Таласка бир барып келсемби деп ойлойм, бара албайм…

- Кубанычбек байке үйлөнгөндө, мен он жашта гана элем, сизди көргөнүм менен тааныбай калган экенмин, убакыттын өткөнүн кара, алтымышка барып калсаңыз дагы жаш бойдон экенсиз, - деп Даткайым күлүп калды.

- Кайдан дейсиң, балдар чоңойду, а мен болсо, уулумду эстеп, өмүрүм өткүчө бир көрсөм дегенде эки көзүм төрт, бирок ал мени карайбы, энем экен деп имерилеби деп жүрөгүм ооруп, түндү уйкусуз өткөргөн күндөрүм канча болду…

- Артыкбай жакшы жигит, түшүнүктүү дагы, чоң энеси да, Кубанычбек байке дагы өтүп кеткен, үйүндө инилери менен баш көз болуп өзү эле калган, Кубанычбек байкеден улуусунун балдары, кичүү иниси Артыкбайды үйлөнтөт экен деп жатышкан, эмдигиче үйлөнгөн чыгаар. Жыйырма бешке чыгып калды да, - Экөө ошентип сүйлөшүп, көпкө отурушту. Аз дагы болсо, уулу жөнүндө угуп, эс ала түштү: "Каралдым, жок дегенде энең экенимди билдирип, боорума бир кысып алсам, кандай сонун болот эле…", - деп ойго чөмүлүп кеткен экен, кызды узатуу ырасымы башталып калыптыр.

Шайыр шаңдуу ыр-бий менен кызды узатып жатышты, андан кийин кудаларын, эже-карындаш, тууган-уругун сыйлап, той уланып жатты. Соно менен Даткайым кетээринде жылуу коштошушту. Гүлайым ошондон эки күн өтпөй эгиз уул төрөдү, Даткайымдын кубанганынан көзүнүн жашы куюлуп:

- Ээ жараткан, ушунуңа шүгүр, аман-эсен көз жарып алды, балдардын боосу бек болсо экен, - деп жакасын кармана, кудайга жалынып жатты.

- Кудай берди, өзү чечет кызым, Гүлайым өзү менен өзү болуп кетсе, сен да өз турмушуңду ула, - деп Мухаммедали аялы экөө төрөтканада кошо жүрүштү. Ошентип, бир кездеги өксүгү унутулуп, бактыга магдырап турду Даткайым. Гүлайымды чыгараар күнү кучак гүлдү алып Максат алдыда, анын артында тага-тажеңелери, андан башка дагы бир адам Даткайымдын неберелерин куттуктап, Жусупжан жүрдү. Даткайым бир азга кысынган менен унчуккан жок. Кыз-күйөөсүн таксиге салышты да, өздөрү Жусупжандын машинасы менен алардын артынан жөнөштү. Бакылдап эгиз балдардын атын коюп жатышты. Жараткан өзү энчилеген эгиздердин аты Асан-Үсөн болду. Максат кубанып, каттагандардан эмес, почтадан сүйүнчүлөп, кат жазып ийди. Даткайым неберелерин карашып, бир жылдай жүрүп, анан Жусупжанга турмушка чыгып кетти, бирок ар убак неберелерине келип, каралашып бактылуу турмушка сүңгүп баратты. Баягы ата-энесинин үйүндөгү көз жашын төгүп, жалгыз жаткандагы күндөрү көз алдына келгенде: "Ушунуңа шүгүр жараткан, ошол күндөрдүн өтүп, жакшы турмуш-жашоого туш кылдың, эми арманым арылды, толук болбосо да үчтөн бир бөлүгү", - деп улутунуп алды. Максаттын катын алган Багышбек, бир туугандары менен Ошту карай жол тартмак болуп, камынып жатышты. Аларды келет деп, күтүнгөн менен кечигип жатып, бир күнү түндө, капысынан келип калышты. Даткайым менен Жусупжан алардын келгенин угуп, эртеси эрте келишти. Багышбек тымызын гана билгизбей оор улутуна Даткайымды көз кыйыгы менен карап коюп: "Байкушум десе, бактылуу болгон экен", - деп улутуна неберелерине кол созуп, чекесинен өөп: "Менин сүйүүм ушулардан уланат, сүйүү өлбөйт, качандыр бир кезде, уулуңа же кызыңа барып, аткарылбаган сүйүү уланып, бактылуу турмуш өтө берет", - деп кубанычы, кайгысы ичинде удургуп жатты.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз