Айгүл ШАРШЕН


"Жесир"


- Тийбейм күйөөгө, мени жеткирип койгула! - деп бакырып жатты, - Кое бергиле мени, баары бир кетем!

- Кой айланайын, кыз дегенди ушинтип ала качып алат, кыздын жакшысын, көңүлгө жакканын ала качат, жаман жер эмес, жакшы кыздарды жерге тийгизбей ала качат, - деди шакылдаган Сары кемпир.

- Жакшы кишинин кызысың айланайын, кыз тынаар жерине ыйлап барат дейт, баарыбыз эле ушинтип келин болгонбуз.

- Ыйлаба айланайын, Бектемир жакшы жигит, кыздай созулган жигит, - дешип жоошутуп, кийим кийгизип, жоолук салышып, отургузуп коюшту. Ыйлап-ыйлап Бектемирди көргөндөн кийин унчукпай калды. Ата-энеси жеңелерин жөнөтүп: "Кыймылдабай отурсун, кетем десе үйгө келбесин", - дешип катуу эскертишкен. Акыры таш түшкөн жеринде оор деп, тагдырына баш ийип, отуруп калган. Бектемир жакшы күйөө болуп берди, беш балалуу болгуча жаман айтпады, чекесинен чертпеди, таап келип берип, эч нерседен кемчил кылбады. Он беш жыл жашап, эң улуусу он төрт жашка чыкканда, капысынан көз жумуп кете берди. Урматкан боздоп ыйласа да таппады, балдарынын алды он төрттө, эң кичүүсү жетиде. Жыйган дүнүйөсү болбосо да, өлбөстөй оокаты бар, каралуу отурганда, төркүндөрү менен кайын журту жардам берип, жогун алып келип, берип турду. Жыл маалына араң чыдады, карасын алгандан кийин эки жакка чыгып, курбу-курдаштары көбөйүп, шарактаган аялга айланды. Калима күйөөдөн чыккан аял, экөө шынаарлашып бирге басып, бирге туруп калды. Дүкөнгө шыпыргыч болуп иштеп да алган. Бир күнү Калима ага келип:

- Ай Урматкан, бүгүн бир жерге барабыз, сенин колуң бошойбу? - деди ага келип.

- Сен айтканда бошотом да, - Урматкан шакылдай карады, - Жок деп, өлалбай жүрүптүрмүнбү?

- Ой алтын десе, сенин ушинтээриңди билгем, - Калима ага көзүн кыса жакындай калып шыбырады, - Абдан жакшы жигит экен, өлбөгөн жанга көрүп коелу.

- Ананчы, өлүп кетелиби, балдар эмне, чоңойсо өзү менен өзү кетет экен, карды ток, кийими бүтүн.

- Анда кечинде даяр тур, мен машина менен барам.

- Болуптур, - деген Урматкан кыңылдап ырдай дүкөндү жууп, баарын тазалап коюп, үйүнө жөнөдү. Үйүнө келсе, балдары тамак жасап жатыптыр, бириси камыр жууруп, нан жасаса, бири үйүнүн полун жууп, жыйнап жатат, кыскасы, эң кичүүсү дагы эшигин шыпырып жаткан экен. Балдарынын бул кылганына ичинен кубанып: "Өзүм тарбиялаган балдар, кудай буйруса жакшы үйрөтүп жатам", - деп ойлонуп, компое кийим-кечесин которуп, чачын оңдоп тарап, желкесине түйдү да, жоолукту чыкыйта байлап алып, көзүн-кашын боенуп, даяр турду.

- Темир, сен балдардын улуусусуң го, мен кечиксем, эшикти бекитип жатып алгыла, буларга баш көз бол макулбу? - деп балдарына карады.

- Макул апа, сиз каякка барасыз?

- Бир таанышым той берип жатыптыр, күндүзү колум бошобойт, Калима менен барып келе калайын.

- Эрте келесизби?

- Ким билет, эрте келгенге аракет кылам, кокус кечигип калсам, эшиктерди бекитип алгыла, - деди кайталай. Ошол убакта үйдүн тушуна жеңил машина токтоп калды, шашылган Урматкан короодон чыгып, Калиманын жанына отуруп жөнөдү.


- Менин подругам, таанышып койгула, аты Урматкан, - деп Калима аны тааныштырып калды.

- Жакшы экен, мен Өмүрбек, - деди алдыда отурганы башын бери бура жылмайып.

- Менин атым Жапаркул, - деди дагы бири.

- Эмесе таанышып алдык, кайда барабыз? - деди айдоочу жолду караган бойдон суроо сала.

- Айдай бер, эс алуучу жайга, - деп Жапаркул каткырып калды.

- Баягы көнгөн жакка да, кайда болмок эле, бу келиндердин дагы эригип-зеригип жүргөн кези болсо керек, бир көңүл ачалы, - Өмүрбек айдоочуга колун жаңсап койду, - Менимче, бизди күтүп жатышса керек?

- Кеттик анда, - деп айдоочу унчукпай кете берди. Алар айылдан алыс жайгашкан мал сарайга барды, аерде чабыр кой баккан Алымбек бар болчу. Күндүзү Жапаркул менен Өмүрбек келип бир козуну даярдатып койгон. Төш тарапты көздөй зымыраган машина өңгүл-дөңгүл жолдордо карс-курс этип, кетип жатты. Сарайга жете бергенде, арсылдаган иттер ээрчий ажылдап, кошо жүгүргөндө, үйдөн чыга калган койчунун аялы:

- Кет, кет дейм! - деп иттерин ары айдап жөнөдү.

- Келгиле, - деп койчу, өзү тосуп алды аларды, - Келдиңерби?

- Келбей анан, - Жапаркул койчу менен учурашып калды, калганы машинадан түшүп, эки жакты карай ырахаттана туруп калганда, койчу аларды үйгө баштады. Булар Алымбек менен Арзыгүл эле, жаштары ортолоп калса дагы, кой багуу менен алек.

Жапаркул менен Өмүрбек машинадан алып келгендерин түшүрүп, ичкери киргизди да, орун алышты. Арзыгүл дасторконун жайып, үстүнө өздөрү алып келгендерин жайнатып, чай куюп отурду:

- Жеңе кандайсыз анан, денсоолуктар жайындабы, неберелер чоңоюп жатабы? - Жапаркул үй ээсине жаркылдай суроо салды.

- Кудайга шүгүр айланайын, неберелер менен алышып жатабыз акең экөөбүз, картайдык коюңарды алгыла, тынч отуралы эми десек, болбой чабыр койду берип койгон, ушинтип жатабыз.

- Өзүңүздөр деле малга көнүп калгансыздар да, ошондуктан кете албайсыздар, малды ишенген үчүн башкарма дагы, сиздерди колдон чыгаргысы келбейт да?

- Ошентип жатышат, пенсияны алып иштей бергиле, деп жатпайбы? - деп Алымбек мактангандай болду. Арзыгүл бир кезде, табакка үймө кылып, боор куурдак алып келди эле, анын артынан койкойгон ак моюн Русскийден кошо койду дасторконго, бапылдаган Жапаркул колуна бөтөлкөнү алып, стакандарга куйду да, ар бирине карматып, өзү бирин алып:

- Кана эмесе, бүгүнкү таанышканыбыз үчүн, денсоолукта, ойноп-күлүп оорубай, кайда болсо бирибизди-бирибиз, жүз грамм деп тоорубай аман жүрө берелик, алып койгула эми, - деди беркилерди карай.

- Мен иччү эмес элем, - Урматкан саал тартына карады, - Мүмкүн болсо, кыстабай эле койсоңуздар.

- Ошо кантип болсун, сиздердей сулуу келиндер үчүн алып жатсак, силер албайм десеңер кандай болот? - деди баятан бери унчукпай отурган Өмүрбек, - Анда биз деле ичпей коебуз.

- Туп-па туура, келиндер ичпесе, бизге эмне, биз дагы ичпейбиз, - деп Жапаркул колундагысын жерге койду, - Урматкан бизди жактырбай калган го?

- Жо-жок, чынында ичкен эмесмин.

- Койчу ай, ичпесең ичип кой, ушунча кишинин сен үчүн таптакыр эле кадыры жокпу ыя? - деп Калима чыкты бир жагынан.

- Кечирип койгулачы эми, ооз тийип берейин, - деп Урматкан ого бетер сүзүлө жылмайганда, Жапаркул ага жакындай отуруп алып, стаканына стаканды тийгизе:

- Келиңиз алып коелу, ак улакты соелу, шараптан ичип батыраак, эт-шорпого тоелу! - деп анан, - Эмесе сизден келсин, сүзүлүшүң аркардын өзү, көздөрүң карагат өзү, оозуңуз оймоктой экен, кашыңыз чыккан айдын эле өзү, тийишпей кое албадым, деги мен сизге жагамбы өзү? - дегенде баары күлүп калышты.

- Өзү-өзү эле дейсиң, ким ал? - деп Өмүрбек күлүп калды.

- Ушу келин эле өзү, - деп Жапаркул купшуңдап койду. Өмүрбек менен Калиманын башынан мамилеси бар болчу. Экөө сыр билгизбей отурушту. Жапаркул Урматканга улам тийишип, аз-аздап ичирип жатып, кызып калды. Козунун эти бышканча, баары кызуу болуп калышты, анан эшикке чыгып, дөңгө отурушту, ала чыккан арагын стаканга куюп, дагы бирден ичип, Өмүрбек менен Калима кокту жакты көздөй кеткенде, Жапаркул Урматкандын ийинине колун кое:

- Экөө кетип, экөөбүз калдык, ээн эркин отуралык, мүнөзүбүз келишсе достошуп, келбесе тынчыраак эле кайталык ээ? - деди күлө карап.

- Сөзүңүз табышмактуу, карашыңыз башкача, жүрөгүңүз каалап турса, сүйлөшсөк болоор ынтымактуу, - дегенде:

- Ап-п бали Урматкан, сөзүң акыйкат болду, - деп кучактай, көк шиберге отурушту, - Өзүң жөнүндө айтчы эми. Кулак түрө угайын.

- Менде беш бала бар, күйөөм бир жарым жыл мурун күтүүсүз өлүп калды, оорубай этпей эле кете берди…

- Жаман иш болуптур, балдар бойго жетип калгандыр…

- Оо кайдан, алды он бешке араң чыкты, үч уул эки кызым бар.

- Өлгөндүн өзүнүн шору дешет го?

- Ошондой экен, акырындап унутпасак да, сууп баратабыз.

- Жашоо ошондой Урматкан, менин үч уулум бар, аялым абдан кызганчаак, ошого карабай кыз-келинди көргөндө, көзүм кызарып кеткен адатым бар, - деп тамашалай күлдү, андан кийин дагы бирден алышты. Өмүрбектерден дайын жок. Экөө кобурашып көпкө отурушту, улам сарай жакты карап коюшат, кечке маал машина келмек, кайрадан жолго чыгып, үй-үйүнө жөнөшөт, бирок машинанын карааны көрүнбөдү. Тээ бир оокумда шаңкылдай күлгөн Калиманын үнү угулганынан карашса, экөө кучакташып келе жатыптыр.

- Оо-ой келгиле! - деп сарай жактан Алымбек колун булгалап калганда, алар ылдыйлап жөнөштү.

- Силер эмне, булактан алтын издеп жүрдүңөрбү же кен казып жаттыңарбы? - деп аларга Жапаркул тийише сүйлөдү.

- Казчуну каздык да, - деп Өмүрбек каткырып койду.

- Азаматтар эй, деги кыйынсыңар да, ынтымагыңарга баракелде!

- Өзүңөр ынтымакташып албайсыңар, ынтымакташып кен казгандарды көрө албайсыңар, - деп Калима чоюла басып, алдыда кетип баратып, бурула карап койду.

- Экөөңөр кендин кайда экенин таап алсаңар, кийин биз дагы билип калаарбыз, - деди Жапаркул. Алар келээри менен колдоруна суу куюп, анан үйгө киргизди Камчыбек. Жаш козунун этинен жеп, шорподон ичишти, кайрадан ак моюндан ачып, идиштерге куюлуп алдыга келди.

- Келгиле анда, бүгүнкү күн үчүн ичели, ынтымактуу кен казгыч геологдордон бололу! - деп көтөрдү Жапаркул.

- Адегенде үйрөнгүлө, андан кийин казасыңар, - Өмүрбек экөөнө карап, көз кысты, - Калима экөөбүз көптөн бери геологдон өтүп калдык, бизге теңелишке али көп бар!

- Геологсуңарбы? - деп сурап калды Урматкан, баятан бери угуп жаткан сөзгө түшүнө бербей.

- Жапаркул үйүндө казат, эми коендон жоош болуп жатат го? - Өмүрбек каткыра, санын чаап калды.

- Шашпа, экөөбүз бүгүн кен казабыз, - деди Жапаркул ага көзүн кысып.

- Түшүнсөм өлөйүн, - деп койду Урматкан. Ал көбүрөөк ичип алганга, башы ооруп уйкусу келе баштаган, келем деген айдоочу жок, ал күнү калып калышты, күүгүм кире алдыларына төшөк алып, алдыда төш тарапка чыгып кетти. Жапаркул менен Урматкан экөө бирге отуруп, Өмүрбектер ары көздөй кетип калышты. Имере кармап кучактап өөп:

- Урматкан, эми өзүң билесиң да, аял менен эркекти бириктирген бир гана нерсе бар, көңүлүмө жагып калдың, бизге берилген керемет түндү бекерге өткөрбөйлү, кел бирге калкып, асманда сүзүп, ырахаттын көлүнө калкыйлы, - деп төшөккө жыкты.

- Неге, жөн сүйлөшүп отурсак болбойбу? - деди наздуу шыңгыр күлкүсүн чыгара Урматкан, - Жөн жат эми.

- Жаныңда суйкайган сулуу келин жатса, кандай эркек жата алат?

- Эмнеге отуздан жаңы ашкан келин кыздан айрымасы жоктур? - деп болбой эле, жулмалап кирди.

Төшөнгөн төшөк биякта калды, көк шиберди уйпалап, тээ бир убакка чейин келиндин кылыктуу дабышы менен эркектин күшүлдөгөн үндөрү угулуп, түнкү тынчтыкты бузуп жатты.

- Мен эри өлгөн жесир аялмын, кокус боюма болуп калса, эмне болот? - деди шыбырай Урматкан.

- Болбойт, болсо көрө жатаарбыз, - деп эч нерсеге карабай өпкүлөп жатты, махабаттын туу чокусуна чыгып, керемет дүйнөнү аралап, чалкыган көлдө сүзгөн учурда ким гана убада бербеген.

- Башкача жан экенсиң.

- Эмнеге?

- Күйөөм мындай эмес болчу.

- Кандай эле?

- Эритип жиберген кудурети жок болчу.

- Алсыз беле?

- Жок ай, алдуу-күчтүү эле, бирок мындайга жок болчу, бала жаратканга жакшы эле… - Шыңк эте күлүп койду.

- Чынбы, ырахат алдыңбы?

- Ооба, укмуш экенсиң ай.

- Жолугуп жүрөлү ээ?

- Кааласаң.

- Сүйлөштүк анда, кел эми, дагы бир жолу, андан кийин эс алалы, - Жапаркул кайрадан өпкүлөп кирди.

- Аялыңды ушундай рахатка бөлөйсүңбү?

- Аял менен ойношко кылган мамиленин ортосу эки башка болот, сен уктуң беле: "Ойнош оттон ысык", - деп.

- Уккамын: "Кала берсе боктон сасык калаарын", - Урматкан шыңкылдай күлүп калды, - Убагы келгенде сасып каласың де…

- Жоок алтышка, эгер сен мени жакшы көрсөң өмүр бою сени менен жүрөм, аялыма билгизбей канча жакшы күндөрдү, махабаттуу түндөрдү өткөрөбүз.

- Качан аялынан чыгып, мага келет деп, акыйып күтө берет экенмин да?

- Келээр күнүмдү өзүм айтам, даярданып турасың.

- Болуптур, деги сага жактымбы? - Наздана эркектин мойнуна колун артты, - Бирөөгө жагаар бекенмин деги?

- Мага албетте жактың, - деп Жапаркул сүйлөп да, демиге күшүлдөп да жатты. Экөө таң агарганда гана көздөрү сүзүлө, кучакташып уйкуга кирди. Күн көтөрүлгөндө ойгонушту, Өмүрбек менен Калима эбак келип, алардын ойгонушун күтүп отурушкан экен.

- Уйкуңар кандыбы, түнү бою уктабай алтын казгансыңар го? - деп Өмүрбек тамашалай каткырды.

- Кен табылды… - Жапаркул уйкулуу жооп берди.

- Молодец, ошону билип биз алысыраак кетпедикпи.

- Чогуу бир жерде болсок, тиги сарай солкулдап урап кетмек, - баары күлүп калышты. Төртөө дөңдөн түшүп келип сарайга киришти. Алымбектер эбак эле туруп, күнүмдүк тиричилигине киришишкен. Тамак ысытып ичип, анан калган арактарын ичишти. Машинасы кечигип жатты. Ага чейин төртөө кайрадан, Алымбекти айылдагы дүкөнгө жөнөтүп, арак алдырып, күрү-гүү болуп, каткырып-күлкүгө мас болуп отурушкан. Бир кезде жигули келип токтогондо, Өмүрбек жеңил боло чыга калды.

- Ой сен эмне кечиктиң?

- Манастан Чубак кем бекен? - деп Токтосун каткырып койду, көрсө анын жанындагы дагы моймолжуган жаш, сулуу келинчек отуруптур, аны көргөн Өмүрбек:

- Андай болсо, чогуу эле биерде болбойт белек? - деди күлө. Токтосун өтө тигилерден жашыраак болчу, ошондуктан уялып калды.

- Сиздерге кантип аралашмак элем?

- Ма-акул эми, үйгө кирип тамак ичкиле, анан жолго чыгалы, - деп ичкери киргизди. Шопурга деп алып койгон устуканды кошуп, Сабирага да мүчө беришти. Арактан куйду эле, Сабира ичпей койду. Аны Урматкан таанычу, экөө бири-бирин карап, баш ийкеше тим болду. Сабира жаңы эле күйөөсүнөн ажырашып келген, жыйырма бештердеги келин болчу. Токтосун аялынан ажырашып жүргөн. Экөөнүн жылдыздары келишип, сүйлөшүп, анан бир жаздыкка баш коюп, үйлөнмөк болуп жүрүшкөн.

- Кана эмесе ушул эки жаштын тилеген тилеги ишке ашып, келечекте бактылуу жубайлардан болушсун! - деп тост көтөрдү Өмүрбек.

- Туура Токтосун менен Сабиранын бактылуу болушу үчүн ичели!

- Бактылуу болгула! - дешип алып ийишти.

- Рахмат сиздерге! - деп Токтосун аларга күлө карады, - Айтканыңыздар келсин.

- "Миң кишинин нааласына калгыча, жети кишинин батасын ал", - деген илгерки ата-бабалар, биерде туура тогуз киши экенбиз, - деди Жапаркул күлүп, - Биздин батабызды алсаң, жерде калбайсың.

- Сиздерге рахмат.

- Аман болгула, бирок кечикпей жүргүлө, - деди Өмүрбек Токтосунга карап, - Келем дегенде келиш керек!

Баары ала-гүү болуп, машинага отурушту. Жолдо келе жатып ырдап келе жатышты, адегенде Урматкан үйүндө калды. Келсе балдарынын бири жок, үй бек, көрсө ичинен илип алып, уктап жатыптыр. Урматкан эшикти такылдатты эле, тестиер кызы ачты:

- Ушул убакка чейин уктап жатасыңарбы ыя?

- Мен качан эле ойгонгом, акемдер уктап жатат.

- Эшикке чыгып карап койбойсуңарбы? - деп өзү зорго уйкусу келип турган Урматкан кирип балдарын ойготту.

Туруп өздөрү жасаган тамагын ичип, үй ичин жыйыштырып болуп, анан кичүүлөрү ойноп кетти, эч нерсеге көңүлү келбеген Урматкан алдына калыңдап төшөк салып, башына бийик жаздык койду да, жатып алды. Бул Урматкан жесирдин алгачкы жазгырышы эле. Дүкөнгө бараар учурдан кеч келди, дүкөнчү ага:

- Эже, эртерээк келип жүрүңүз, мына бул коробка, кагаздарды алып чыгып өрттөп, бир сыйра шыпырып туруп, жууп коюңуз, - деди сүйүңкүрөбөй.

- Макул эми, бүгүн кичине ооруп калып кечиктим, болбосо, эрте эле келмекмин, - деди да айткандарын бүт аткарып жатып: "Алганым жетимиш сом, ушуларга көз каранды болуп бүттүм", - деп жинденип колунан келсе, иштебей койгусу да келди. Бирок ошол жетимиш сом анын баардык оокатына жетчү да. Үндөй албай иштей берди. Бирок аны ошол күнү дагы бир күтүлбөгөн окуя күтүп турган. Районго жаңы райком келмек болуп, аны тосуш үчүн райондун кызматкерлери бүт жүгүрүп жүрүштү. Райондун экинчи секретары Аманкан Урматканга келип:

- Эже, бул айылда сулуу жакшы кыздардан Турдубек аганын кызы бар, ал сиздин кайынсиңдиңиз болот эмеспи, жаңы райкомду тосууга ошол кызды ээрчитип, сиз дагы барыңыз, - деди шашыла.

- Ой, ал Гүлбү өтө эле жаш да?

- Жаш болсо, райком деле жаш, ага ошондой жаш кыздар кызмат кылыш керек, ал койнуна алып жатмак беле? - деп күлдү Аманкан сырдуу жылмая, - Эгер райкомго жагып калса, сиз дагы, мен дагы куру калбайбыз, - деп шыбырап койду.

- Ай, деги мен балээге калбасам болду? - деп шыңк күлдү Урматкан.

- Кайнагаңыз ичкен арагынан башка эмнени билет, унчукпай ишти бүтүрө бериңиз, кыздар көп ошонун ичинен көзгө урунганын карайт да.

- Ма-акул, - деп Урматкан үйүн көздөй жөнөдү. Ал күнү Гүлбү менен атайын өзү барып сүйлөштү. Турдубектин аялы эки жыл мурун өлүп калып, эки кыз, бир уулу менен кала берген. Ошондон бери ичип да кеткен.

- Гүлбү, мен сени жаман жакка алып бармак белем, райкомду тосконго кыз-келиндерди боз үйгө коюп, жалаң сулуу кыздар даам алып чыгат экен, сен дагы ошолор менен бирге тососуң, мындай бакыт ар кимге эле бериле бербейт, ушул убакка чейин райкомдун атын угам, өздөрүн көрө элекмин, - деди ага сөздү алысынан баштап.

- Жеңе, мен үйдөн чыксам эле атам уруша берет, - деди Гүлбү ага.

- Урушпайт, тез эле келип калабыз, кийимиңдин жакшысын кийип, чачы башыңды оңдо, мен анан келем, машина келет, - деп коюп, үйүнө кетти. Гүлбү турмушунда бир өзгөрүү болоорунан кабары жок, өзү теңдүү кыздар менен кыргыз кийимин кийинип алып, колуна түрдүү даамды көтөрүп алып, аэропорттон райкомду тоскону барышты. Чынында, көп кыздардын ичинен ал башкача бөлүнүп турду, кыргыз кийими өзүнө куп жарашып, узун чачы артына чубалжый алдында турган. Исабек Мусаевич аны бир карап коюп, колундагы даамдан ооз тийди да, калгандарына башын ийкей күтүп турган машинага түшүп, конокту күтүп жаткан боз үйгө жөнөштү. Совхоздун дирекциялары, агартуунун директорлору, койчу, бир райондун чоңдору чогулган бул жерде Исабектин көзүнө бир гана Гүлбү көрүндү. Жанында отурган директордон эңкейе калып:

- Бул кыз кимдин кызы? - деди.

- Жай жүргөн эле адамдын кызы, быйыл мектепти бүткөн.

- Окууга барбадыбы?

- Атасы окута албады, апасы өлүп калган, инилерин карап үйүндө, - деп Жеңиш элпектене айта салды.

- Аа-а, жаман болуптур, - деп койду райком.

Анын еврей аялы бар, кайсы кызматтарда жүрбөсүн, кай тарапка барбасын ал барбайт, ар дайым жалгыз барып иштеп Фрунзеге келип-кетип турат. Балдары дагы орусча өсүп, дини кайыр болгондуктан, ылайыктуу келин-кыздарга көз салып жүргөн кези эле. Өзүнүн уругунда ар улуттун каны бар. Көп бир тууган. Мусаевдердин чынында көбү билимдүү, кызматкер. Өзүнөн кийинкиси Мусабек аскер адамы. Көз алдынан ушуларды өткөрүп, дал ушул кызды өзүнө ылайык көрүп, эптеп колго алууну көздөп жатты: "Атасы менден кызын аябас, колумдан келгенин жасайм, жакшы аял болчудай экен, балалуу болсом, Мариядан ажырашууну талап кылам", - деп да ойлоп ийди. Чимирик болгон кыз-келиндер тамак аш көтөрүп, кирип-чыгып жатты. Кеч киргенде, райкомду эс алуучу бөлмөсүнө киргизгенден кийин кыздарды үй-үйүнө жөнөтүштү. Урматкан менен Гүлбүнү Аманкан жеткирип келди. Ансыз дагы өлкө будуң чаң түшүп, бөлүнгөнү турган. Горбачев базар экономикасын ойлоп таап, өлкөнү бөлүп турган учур эле. Түнү бою ойлонгон Исабек Мусаевич эртеси кабинетке келип отургандан кийин Аманкан Ашымович кирди. Ал кызмат ордун которгону жүргөн, эртелеп райкомду колуна алууга ашыккандардын бири.

- Ассалоому Алейкум аксакал, орун кут болсун! - деп кош колун сунуп учурашты ал.

- Салоом Алейкум, кел жигит, - деди коңур, токтоо үн менен Исабек Мусаевич, - Кандай, эл-жер тынчпы?

- Баары жайында, - деп Аманкан үзүлүп түшө, мамилени жакшы жасап, ушу баштан жагынууга аракет кылып, колундагыны акырын бере салды, - Сиздин орунуңузду майлайлы деп эле келип калдым, - деди тузак тарта.

- Тим эле койсоңор болмок, а…

- Аманкан Ашымович, менин атым Аманкан, аксакал, - деди ага жалтактай.

- Аманкан, кечээки кыздардын эң алдындагы кыздын аты жөнү ким? - деп сурады Исабек.

- Гүлбүнү айтып жатасыз го?

- Ооба, ошол кыздын дарегин уксам дедим эле…

- Аксакал кам санабаңыз, ал кыз биздин колдо, - Аманкан шыпылдай калды.

- Ата-энеси барбы?

- Атасы бар, энеси жок, бир иниси, бир сиңдиси бар.

- Жашоолору кандай?

- Эл катары эле го, жетип-жетпей дегендей…

- Ошол кызды мага тааныштыр, экөөбүз гана билели, сенин кандай ишиң болсо, орундалды дей бер! - деп экөө кол алышып калды.

- Кам санабаңыз, кыз чынында жаш, жакшы кыз.

- Да-даа, көрүнүп турат, бир аз ойдоло-ор, анан көнбөй кайда барат, - Исабек Мусаевич керсейе отурган жеринен чөнтөгүнө колун сала чиренип алды, - Алардын көксөгөнү байлык, биздин көксөгөнүбүз башка-а!

- Туура айтасыз, мен аны колуңузга тийгизем, шартты өзүм дайындайм, сөз бүттү, мен өзүм кабарлайм, - деп Аманкан коштошо кабинеттен чыкты: "Буйруса колго түштү, исполкомдун орду меники", - деп алаканын жаный машинасына отурду да, дароо эле Урматканга келди. Ал үйүндө отурган, жанында Калима бар болчу, экөө дагы бир жакка жөнөмөк.

- Урматкан эже, сизде сөз бар эле… - деди Аманкан баш багып.

- Кел-кел, үйгө кир.

- Жо-жок, рахмат эже, зарыл иш бар эле.

- Азыр, - деп Урматкан ордунан туруп, эшикке чыкты, - Тынччылыкпы деги?

- Тынчылык эле, Гүлбү үйүндө элеби?

- Үйүндө болуш керек.

- Анда бүгүнкүгө үйүңүзгө эле чакырыңыз, мен анан бир кой берип ийем, сое турган балдар келет, сиз даярдана бериңиз, - деди да кетип калды.

- Эмне дейт курган бала, түшүндүрүп да койбойт, - деп үйүнө ойлуу кирди.

- Эмне болду? - деди Калима ага суроолуу.

- Билбейм, үйгө конок келет экен, мен баралбай калдым го?

- Эмнеге, Жапаркул өлбөйбү?

- Өлсө өлөт да, конокту тосуп албасам болбойт, - деген Урматкан унчукпай калды.

- Кызык экенсиң, ал кайдагы, эмне деген конок?

- Өзүм да билбейм.

- Сен бу экономисттин коногун качантан бери тосуп калгансың?

- Бүгүн эле…

- Кыз-зык, кечиктим, мен кете берейин анда?

- Мейли, барсаң бар, салам айтып кой.

- Айтпайм, өзү келсе айтасың да, - деп Калима таарынгандай үн катып чыгып кетти. Урматкан унчукпады, үйүн жыйнап, тазалап конок бөлмөсүн желдетип, конок күтчүдөй камынып жатты, анан эсине түшө калып, Турдубек кайнагасынын үйүнө жөнөдү. Ал келгенде, Гүлбү кир жууп отурган, ордунан тура калды.

- Келиңиз жеңе.

- Келдим, колуң бош эмеспи?

- Эмнеге?

- Үйгө конок келмек, жардам берип кой дедим эле.

- Аа-а, азыр бошойм.

- Анда барып кал ээ?

- Макул.

- Акем кайда?

- Ал дагы ичип, жүрөт окшойт.

- Балдарчы?

- Алар ойноп жүргөн.

- Ии-ий, анда барып кал, - деп Урматкан үйүнө келип, эшигин шыпырып жатканда, машина келип токтоп, эки жигит түштү да, бир койду алып, жетелеп бири бери басты, бири сумкаларга салынган тамак ашты көтөрүп үйгө кирди.

- Муну өзүнчө берди, кыздардын кийими го эже, - деп өзүнчө, бир баштыкты колуна берди, - даярдап койсун деди, башка эч нерсе айткан жок, - деп бычак сурады да ары басты. Урматкандын улуу баласы Темир жардам берип жатты. Урматкан баштыктагы кымбат баалуу көйнөк менен ич кийим, туфлини көрүп:

- Ой-ий, тим эле укмуш, бул кебетеси райкомдун белеги го? - деп сыртына айтып ийгенин сезбей калды. Андан кийин берки эки баштыкты ачып, конфет-печеньелерди, өрүк мейиздерди мурда көрбөгөндөй бир топко карап турду да, жанында турган балдарына аз-аздан берип, - Кудайым колдоп силер дагы райком болуп калсаңар ажеп эмес, алдын жегиле балдарым, - деп койду да, ичкери кирип дасторкон жайды. Конок бөлмөнү даярдап жатканда Гүлбү келди, аны көргөндө шыпылдаган Урматкан, - Келдиңби, мен баарын бүтүп калдым, сен мончого түшүп алчы садага, келген конокко чай куюп берип турасың, мен болсо башка жакка бармак элем, - дегенде:

- Жеңе, кечээ эле мончого түшкөм, эмне ошончолук эле конокторуңуз урматтуу адамдарбы? - деп жылмайып койду.

- Ооба, абдан урматтуу адам келет. Баса Гүлбү, бери келсең, - деп Гүлбүнү үйгө киргизди, - Мынабу көйнөк жагабы?

- Ой-ий, укмуш го! Бул кимге, жеңе?

- Сен кийип көрчү, туфлини дагы.

- Эмнеге? - Гүлбү Урматканды таңдана карады.

- Кийип көрсөң эми.

- Ма-акул, - деп Гүлбү кийип көрүп жатып, ичиндеги ич кийимди көрө калып, - Эмнеге мунусу менен бирөөгө алып келди беле? - деди.

- Сага, мунун баары сага, райком сени жактырып калыптыр, бүгүн биерге келет, сен чоочулаба, ал сага жардам берет.

Адегенде Гүлбү өңү бозоро делдейип туруп калды.

- Жеңе кантип, эмне кылат экен?

- Эмне кылмак эле, сүйлөшүп кой, андан аркысын көрөсүң да, ай аттиң, жаш болуп калбаганымды айтсаң, - деп тамшанып койду.

- Жаш элесиз го?

- Отуз беш деген жаш картаюунун алды, жаштыктын арты, эркектин орто жашы элүү болот экен, аялдар отуздан оодуң бүттүң дей бер, андан көрө ушул райкомду бекем карма: "жамандын биринчи аялы болгуча, жакшынын көрөөр көзү болгонуң" оң.

- Көрөөр көз деген эмне? - деп чын пейли менен сурады Гүлбү. Он жетидеги эми өсүп келе жаткан кыз түшүнө бербей.

- Көрөөр көз деген байлардын токолу болгон, башка аялдарына энчи бөлүп берип, өзүнчө жашатып, жаш көрөөр көзү менен жашачу.

- Көрөөр көз болбой эле койдум.

- Ой сени ким көрөөр көз бол деп жатат, мисал кылып жатам: "жамандын аялы болгуча, жакшынын көрөөр көзү бол", - деп коет, күйгөн аялдар.

- Жеңе мен кете берейинчи, атам келип калса урушуп жүрбөсүн?

- Кой кокуй, тиги райком мени көргөнү келмек беле?

- Көрбөсө койсун, жолукпайм жеңе, атамдай киши менен кантип сүйлөшмөк элем, келбеди деп коюңузчу, - деп кыйылган менен оор, жетишпеген турмушта жашаган кыз: "Эмне экен, бул да болсо, тагдырымдын бурулушу болуп жүрбөсүн, жеңем айткандай, райком дегенди угуп, бирок көрбөгөндөр канча, пешенеме жазса, атам дагы жумуш таап, үй жайын оңдотуп, иним менен сиңдимди окутуп коем", - деп ойлонуп жатты.

- Гүлбү, мен сени жаман болсун деген жерим жок, ошончо кыздан сени жактырып жатканда, бир сүйлөшүп, кул жебестен жеп кал, - деп конок бөлмөсүнө алып кирди да, - Мына көрчү, ушунун баары сен үчүн, эшикте кой союлуп жатат, андан көрө атаңды тамак берип жаткырып, сиңдиң менен иниңди тойгузуп коюп, кайра келип кал, ал сени жөн эле баса калмак беле, сүйлөшүп сөзүн тыңдап көр! - деди шыпылдаган Урматкан, - Ме буларды кийип, сүлкүлдөп, бир келип калгын, көзү күйүп кетсин райкомдун.

- Коюңузчу жеңе, - деген менен кийимдерди баштыгы менен алды да, - Ойлонуп көрөйүн, - деп үйүнө жөнөдү.

Кой союлуп бүтүп, эттин жарымы менен башты казанга салды, андан кийин эки жигит унчукпай кетип калды, Урматкан калган оокатты өзү жасап, даяр болуп калганда, күүгүм кире үйүнүн жанына машина токтоду да, кайра жылып кеткендей болду. Аманкан Исабек Мусаевичти коштоп короого кирди.

- Кире бериңиз аксакал, сиз үчүн эшик ачык.

- Рахмат, - деген Исабек Урматкан менен баш ийкеше ичкери кирди. Төрдөн орун алып, - Бул келин ким болот? - деди Аманканга карай.

- Бул Гүлбүнүн жеңелери болот, жалгыз бой, күйөөсү өлүп калганына бир жылдан ашты.

- Аа-а, жаман болгон экен, - деди да сунулган чайдан алып, мейизден оозуна салды. Урматкан шашыла Гүлбүгө жетип барды, ал өзү да жуунуп таранып, кийинип алып, күзгүгө каранып отурган экен.

- Гүлбү, - деди босогодон акырын үн сала.

- Жеңе, эмне болду? - деп чыга калды кыз.

- Болбойсуңбу, ушундай адамды күттүрүп койгонубуз болбойт го?

- Жеңе, уялып жатам.

- Уялбай эле кой, жашоодо уялымыш этсең, баарынан куруу каласың, озунгандардыкы болуп кетет, райком деген кудайдын парманы болуп, ооматы көтөрүлгөн адамдар болот, жүрү тезирээк, - деп колдон ала жөнөдү, Турдубек аябай мас болуп келип уктап жаткан.

Экөө үйдөн чыгып, Урматкандын үйүнө келишти. Гүлбү бир топ эле жасанып-түзөнүп алган. Исабек Мусаевичтин үстүнө кирип барганда, ал тура калды:

- Кел-келгиле, чоң кыз.

- Келдик, - деп кыз үнү саал калтаарый чыкты.

- Отур-отура гой, - деп жанын көрсөттү, канчалаган адамдарды апкаарытып, калчылдаган райком ушул чычаладай чычкак кыздын алдында чарк көпөлөк айлана шыпылдап да, сүрдөгөндөй калтаарып да турган.

- Аксакал, биздин айылдын жаңыдан ачылып келе жаткан гүлү да, сулуусу да ушул Гүлбү, - деп Аманкан кошоматтана сүйлөдү.

- Ооба, буларды кементайга ороп койсоң да өзү эле билинип турат да-а, - деген Исабек Гүлбүнү карады, - Кысынбай эле отура бер чоң кыз, мен сени сүйлөшүп отурганга чакырттым, - деп колун дасторконго жаңсады, - Алып отур.

- Рахмат, - Гүлбү тердеп-тепчип кетти, али муундарынын калчылдагы кете элек. Аңгыча тамак келди, кесип алаар кара кесеги жок семиз эт алдыга келгенде, Исабек Аманканды карады:

- Рахмат иним, жакшы даярдапсың, баары эсте болот.

- Эчтеке эмес аксакал, мындай кызматты сизге жасабаганда кимге жасайбыз, бул менин сизге болгон урматым.

- Болду-болду иним, ойлогонуңду орундалды дей бер, - деди да тамакка кол узатты. Андан кийин коньяк келди. Андан аз-аздап ичип отурушту, Гүлбүгө сунду эле, ал баш тартып койду, кысташкан жок. Исабек Мусаевичке тамагынан дагы жаш кыздын койну керек болуп турду. Эт желип, колго суу куюлгандан кийин Урматкан жыйнап чыгып кетти. Аманкан болсо элпек болуп, улам коньяктан куюп жаткан, кызып калган Исабек Мусаевич Гүлбүнүн тизесине колун коюп алды эле, кыз бутун тартып алалбады.

- Исабек Мусаевич, жакшы эс алыңыз, мен барайын, - деп колун сунду Аманкан.

- Аа-а, бар-бар, - деп колун шилтеп коюп, - Гүлбү, менин башыма жаздык алып келчи, - деди ага карап.

- Макул, - деген кыз жаздык алып келип коюп берди да, өзү чыгып кетмек болуп бурула бергенде, колунан кармап калды:

- Каякка чоң кыз, бүгүн сен менин жанымда болосуң.

- Кое бериңизчи?

- "Колго түшкөн коенду, кое берген оңобу", - дейт, - деп Исабек Мусаевич аны карылуу колдору менен капшыра кармап, жыкты да, басып калды, - Аселим, шириним, качпачы менден! - деп жаш кызды өпкүлөп жатты.

- Кое бериңизчи! - деп тырмышып, жүзүн ала качкан кызды болбой эле жанталаша өөп:

- Шириним десе, мен сага баарын жасап берем, керек болсо сен үчүн эки кабат үй салдырып берем, тек менден качпачы, берекем! - деп көйнөгүн чечип, ыргытып ийди, - Берекем-көлөкөм менин, мен сени көргөндөн баштап көөнүм түштү, көргөнүмө бир күн болсо да, бир жылдай болуп кеткенсип, түндү зорго өткөрдүм.

- Аа-ай, тийбеңиз дейм мага, тийбеңиз мага, элге айтып шерменде кылам, атыңызды булгап аласыз!

- Мейли, сен үчүн булганса булганаармын, баары бир сен меники болсоң болду! - деп ич кийимине жармашты. - Каралдым, менин шириним, гүлдүн ширесиндей толуп турган кезиңден сенин, менин эркем болуп берчи, жанымда болчу! - деп жатып кызды уйпалап, өз максатына жетип болду. Урматкан каалганын сыртынан баарын тыңшап, угуп турду. - Гүлбү, мен сенин айтканыңдын баарын аткарам, болгону мага буйрук бер, алтын сарай кур десең курам, - деп ыйлап жаткан кызды алдында алып отуруп алып өпкүлөп жатканда, кыз ага карабай көзүн жумуп алды:

- Менин тагдырымды талкаладыңыз, эгер чоңдордун баары сиздей болсо, андай чоңдун элге кереги эмне, ишеничти аткарбай эле, көзүңөр кыз-келиндерде болсо, чоңго жыргаптырбыз!

- Андай эмес Гүлбү, мен сени жактырып калдым, менден өзүңдү ала качпа, айтканымды ук, - деп бир азга ойлуу отуруп, анан сөзүн баштады, - Менин аялым еврей, эки уулум бар, алар апасынын динин кармашат, ошондуктан жаш, жакшы аялым болосуң.

- Мен сизге кантип аял болом?

- Неге болбойсуң?

- Сиз картаңсыз, атам сиздей.

- Боло берет, сүйүү - жашоо, жаш-карыга карабайт экен, Гүлбү. Мен көп жерге барып партиянын тапшырмасын аткарып иштеп келе жатам, сенчелик көңүлүмө жаккан бирөө болбоду. Балким тагдыр экөөбүздү атайын жолуктургандыр…

- Ишенбейм, тагдырга да, жашоого да көңүлүм жо-ок! - Гүлбү ыйлап жатты.

- Берекем, - деп Исабек Мусаевич аны алдына алып отурган бойдон, жүзүн өзүнө каратты, - Шириним менин, аселим менин, мен сени керек болсо кабинетиме алып жүрөм, кайда болсо жанымда болосуң! - дегенин укканда, Урматкан өңгөчүн тарта оозун баса калды:

- Ай-иий - ай! - деп сырттан дабыш чыкканынан чыга калды, Калима кирип келе жатыптыр, - Чүш-щ - деди ага, - Бас үйгө кир, киши бар, үнүңдү чыгарба!

- Эмне болуп кетти, кайсы киши бар? - деп шыбырап, суроолуу карап таңгала, - Эшикте Жапаркулдар бар, - деди ага.

- Сен кире бер, мен аларды акырын чакырып келейин.

- Аларды үйгө киргизбей эле, сыртка чыгалычы, - деп Калима аны менен кошо сыртка чыкты. Жапаркул менен Өмүрбек машинада отурган, түшө калып бакылдаганда, Урматкан аларды да тыйды, түшүндүргөндөн кийин:

- Ох-хо, демек райком жаш кыз менен чардап жатат де, - деп Жапаркул күлүп калды, - Адегенде сени көргөн жокпу ал?

- Койсоңчу эримден бетер тескебей, мени менен иши деле болгон жок.

- Жүрбөйсүңбү, кеттик.

- Кой, үйдө киши турса, кантип кетем? - деп Урматкан болбой койду.

Жапаркулдар эртеси күндүзү келмек болуп, жүрүп кетишти. Таң сүрө баштаганда Исабек Мусаевичтин машинасы келип токтоп, ал өзү Гүлбүнү кучактап өөп:

- Кам санаба, эки күндөн кийин сенин атаңдын алдына киши жиберем, - дегенде унчукпай үйдөн чыгып кетти.

Исабек төшөктүн четине миң сом таштап койду да, чыга жөнөдү…

Урматкан миң сомду көрүп, кубанып кетти, анда рубль эмеспи, койнуна катып, дал Исабек отурган жерде отуруп алып: "Кудай ишимди оңдоор, үйүмө кыдыр жылоологон адам түнөдү, менин балдарым дагы жакшы чыгып калгысы бардыр", - деп көпкө ойлонуп отуруп калды. Түшкө жакын Жапаркулдар түз эле анын үйүнө келип калышты.

- Кандай, райкомду жыргатып, жөнөттүңбү ыя? - деп Калима тамашалап кирди.

- Акырын эми, эл укса Урматкан жайып ийиптир дейт, кирип андан көрө чоңдун кешигинен ооз тийгиле, - деди күлүп.

- Алып кел, атасынын көрү, райком жеген куйруктан ооз тиели буйруса, - деп Жапаркул менен Өмүрбек ала келген арак менен винолорун дасторконго коюп, орун алышты.

- Жакында буйруса той болот биздин айылда, Гүлбү райкомго жагып калыптыр, эки күндөн кийин жуучу жөнөтөм деди атасына, - Урматкан жебиреп жатып, дасторконун жайып, эттерин алып келди, калган оокаттарын алдыга коюп, - буйруса күйөө баланын пайдасын көрөбүз, - деди.

- Сен эле көрбөсөң бизге кайдан тиймек эле, жеңеси болуп, төшөк салып берген сен эле көрөсүң, - деп Калима күлүп калды.

Ошол убакта Гүлбү кирип келе жаткан, баласы алдынан тосуп:

- Үйдө конок бар, - деди эле, ал кайра кайтып кетти, эгер балдары болбогондо, өзү жөнүндөгү сөздү укканда, кыз бечара эмне болоорун ким билет? Ал жеңесине кеңешкени келе жаткан болчу. Үйүнө барып ыйлап жатып алды. Кийимдерин катып койду. Турдубек болсо тамак аш таап келмек турсун, өзү тоюп келип жатып алат, карандай чай менен жегенге наны да жок калган… Урматкандын үйүндө бака-шака түшүп, ырдап жатышты, калган эттен дагы куурдак кылып, улам арак ташып ичип, мас болуп калганда, Гүлбү кайра келип Замирден чакыртып алды.

- Жеңе, ун болсо берип туруңузчу, үйдө нан жок, же атам иштебейт, - деп ыйламсырады.

- Айла-анып кетейин десе, ун бербегенде эмне, бер-рем азыр, - деп кызуу неме чакага ун, эттен алып салып берди, ал тургай кечээги өрүк, мейиз менен конфеттерден да бергенде, кыз кубанып кетти.

- Рахмат, жеңе, - деп кубанган бойдон үйүнө жөнөдү.

- Ала гой, - деген Урматкан аны карап туруп, чөнтөгүндөгү миң сомду сыйпалап койду: "Төшөк пулу менде-е бечара кыздын. Бир чака ундан эчтеке болбойм, керек болсо, беш кап ун алып алам, эми сөзүнө туруп, алып алса, далай пайдасы тийээр эле", - деп кызуу болсо да, эртеңки күнүн ойлонуп жатты.

- Урматкан, кайда кеттиң? - деген Калиманын үнү чыкканда гана ичкери кирди, - Каякка кетип калдың ай, эс алып алалычы, - деди аны көрүп оолжуй.

- Мейли, ички үйгө кире бергиле, мен оокатымды жасайын, балдарым тамак иче элек, аларды тойгузайын, - деди Урматкан.

- Өзүң бил, - деп Калима, Өмүрбек экөө ички бөлмөгө кирип кетти.

- А менчи? - деди Жапаркул жамбаштап жаткан жеринен.

- Сен дагы эс ал, - деп Урматкан жылмайып коюп, ишин улантты.

Темир, Замир, Дамир үчөө эшиктен кирди, Акак менен Шурусу кичирээк, бешөөнү ашканасына киргизип, тамак берди. Анан аларды үйгө кирбегиле деп, ичинен илип алды да, Жапаркулдун жанына келди, - Уйкуң келбей жатабы?

- Ооба, сенсиз кантип уктайм? - деп Жапаркул аны кучактап жатып калды.

- Урматкан, - деди бир кезде Жапаркул.

- Ийи.

- Райком менен жакшы болсоң, кызматка сүйлөшүп көрбөйсүңбү?

- Сагабы?

- Эмне болот эле, дипломум бар.

- Кантип, ойношум эле деппи?

- Ошентип айт.

- Болбогонду койсоңчу.

- Эмне, болбойбу?

- Айталбайм го?

- Макул эми, келчи бир жарпыбызды жазалы, - деп экөө эзилише кетти, - Мен сени аялымдан да жакшы көрүп калдым, - деп жанталаша өөп, бүткөн боюн сыйпалап кирди.

- Койчу эми, балдарымдын көзүнчө, эшикти илип алдым, кокус бирөө жарым келсе, дароо эле сөз учурат, этиет бололучу, - деген менен аялдык сезими козголуп, өзүн кармай албай, өзү дагы Жапаркулга жардам берип, анын көкүрөгүнөн өөп-жыттап жатты. Кечке жатып уктап, эс алгандан кийин кечке маал Өмүрбек менен Калима кайдадыр кетип калышты. Жапаркул калып калды.

- Мен кетпейм.

- Эмнеге?

- Жөн эле…

- Көргөн киши эмне дейт?

- Көрсө көрө берсин.

- Мени жаманатты кылгың барбы?

- Андай жаман ойду ойлобо, Урматкан.

- Анан эмне, мени эл кеп кылат да, эри өлгөндөн кийин үйүнө эркекти киргизип алыптыр деп, ал сенин аялың укса келип, мени менен чачташып жүрбөсүн?

- Антпейт, ал Таласка кеткен.

- Ошол жактан болобу?

- Ооба, менден ажырашмакчы…

- Кой тамашаңды, үч балаң турса, ажырашканың болбогон иш, аялыңдан кечирим сурашың керек, балким бирдемени угуп алып, ошентип жаткандыр…

- Сен жөнүндө эмес.

- Билем, сенин жалгыз мени менен жүрбөгөнүңдү.

- Кайдан билесиң? - Жапаркул баш көтөрө карады.

- Сөздөрүң менен көздөрүң айтып турбайбы, мени билгениңе көп болсо бир жума болду, ага чейин жөн жүрдүң дейсиңби?

- Туура.

- Анда балдарың үчүн, сүйүүң үчүн кечирим сурап алып келишиң керек. Аялдын жүрөгү жумшак, жакшы сөз бат ээрийт, кылмышыңды өз көзү менен көрсө да кечирет, асты эркектер андай эмессиңер, силердей болуп, бирөө менен жүрмөк турсун, сүйлөшүп турганын көрүп, кызганасыңар, аялдын кадырын көзү жокто билесиңер…

- Акылдуу жансың, Урматкан.

- Менимче бардык аял акылдуу, артын ойлойт.

- Жо-ок, жаңыласың Урматкан, бардык эле аял сендей эмес.

- Эркектер акылкарачачтай аялдын койнунда жатса дагы, башка аялды артык көрө берет, - деди эле Жапаркул чычалап кетти.

- Аялдар бири-бириңерди жаман коргойсуңар да?

- Мен сенин аялыңды көргөн эмесмин, бирок минтип жүргөнүңдөн улам, кандай аял экенин билип турам, - деди жылмая.

- Кандай жүрөт экенмин?

- Зыңкыйып таза жүрүшүңдөн.

- Бала кезимден ушундай жүрөм мен.

- Эгерде жаман аял болсо, жашында зыңкыйган жигиттер шалпайып калат, бала-чакасына, аялына ээ боло албай, өзүн таштап ичкиликтин кулу болуп калат, - деди Урматкан.

- Макул эми: "Аял жакшы, эр жакшы" дегенди айткың келип турат ээ? - деп Жапаркул кызаңдай күлүп калды.

- Өзүң түшүнсөң болду…

- Урматкан.

- Ийи.

- Сени жакшы көрүп баратам.

- Эркектердин адаты.

- Чын айтам.

- Бирок бош эмессиң.

- Ооба…

- Оозду бекем кармаш керек.

- Кармай албайм го?

- Аракет кыл, үмүттү жандырыш оңой, өчүргөн жаман.

- Түшүнөм…

- Анда сөз бүттү.

- Мен айтып бүтө элекмин.

- Айтуунун кажети канча?

- Айтышым керек.

- Дал бүгүнбү?

- Ооба.

- Болуптур, угуп көрөйүн, - деп маңдайына келип отуруп алды, - кана айтып көрчү, мага тиешелүүбү?

- Так сага түз тиешелүү.

- Кулак сенде?

- Мен сени сүйөм, канчалык ойлонсом дагы чече албадым.

- Андай болушу мүмкүн эмес.

- Болот, - Жапаркул оңдоно, Урматкандын мойнунан кучактап, өзүнө тартты, - Мен сага үйлөнөм!

- Жапаш, ойносоң дагы ойлонуп сүйлө, менин беш балам бар, сенин үч балаң турса, туура эмес, аялыңдын каргышына калгым келбейт.

- Каргабайт, аны менен бүтүрүштүм…

- Сен соосуңбу?

- Сопо соомун.

- Жапаш, мунуң болбойт, менин балдарым сага эл болбойт, ал эми сенин балдарың мени жактырбайт, орто жолдо экөөбүз кыйналабыз, жашоо кыйындайт, аргасыздан кайра бөлүнүүгө туура келет.

- Мен эч качан андайга барбайм, эгерде сен макул десең, мен өмүр бою жаныңдан чыкпайм, башка аялга карабайм дагы…

- Антпе, мен эч качан макул болбойм.

- Урматкан, кечээ бир төшөккө жата коюп, бүгүн сүйөм деп, отурганың кимге жаксын, бала эмеспиз…

- Мен терең ойлонуп чечтим.

- Эсиңе кел.

- Эсим ордунда.

- Мени кыйнап жатасың.

- Кыйналбачы жаным, сөзүмдү кабыл алышыңды суранам.

- Болду эми, сөздү бүтүрөлү, - дегенде Калима чыгып келди.

- Силер дагы эле уктабадыңарбы?

- Жок, жакшы эс алдыңарбы?

- Жакшы ай, Өмүрбек кетсе, мен бүгүн биерде эле калайынчы, - деп алардын жанына отура кетти. Көптөн кийин Өмүрбек келди.

- Канча болду ыя? - Оозун ача эстеп алды.

- Саат алты болуп калды го?

- Коку-уй кеттим анда, - Өмүрбек шашкандай Калиманы карады, - Какиш, кеттикпи?

- Мен бүгүн Укуш менен калайынчы.

- Макул анда, мен жылдым.

- Чай-пай ичип ал, кардың ачкандыр…

- Жо-ок, баш эле зыңгырап турат, калды беле?

- Бар, келгиле дасторкон жаяйын, закуска менен алгыла, - деп Урматкан ордунан туруп, сырткы бөлмөдөн тамак аш алып келди.

- Кана, куйчу кете калайын, - Өмүрбек шашып кирди.

- Анчалык эмне шаштың? - Жапаркул аны күлө карады.

- Аялына мүнөт кечикпей барышы керек. Элестет, мен муну көргөндө аялынан дагы кызганып, жаным кыйналып барат, - деди Калима таарынычтуу, - Бул болсо аялына шашат.

- Эми капаланбачы, сени жаным менен сүйөм, а аялымды болсо, балдарым үчүн. өзүм дагы эмне кылаарымды билбей калдым, деги бул эки аялдан кандай болгондо кутулам ыя? - деп каткырып алды.

- Бирин ал, бирин ташта, жүрөгүңдү жалган эле бирөөгө чаппа, алдаганды токтот, - деп Калима ага карабай айтты.

Анын таарынычы абдан күчтүү эле. Эки жылдан бери жүрүп, Өмүрбек менен Калима бири-биринен ажырагыс болуп калышкан. Эми Өмүрбектин аялы урушуп, кет деп жатканынан ал кечикпей үйдө болом деген убадасына турмак, ага Калима таарынып, экөө уруша кетишти. Калима экинчи жолукпайм десе, Өмүрбек көнбөйт, ошентип ойноштуктун арты ажырагыс сүйүүгө айланып, эки оттун ортосунда калган Өмүрбек Калимадан бөлүнгүсү келбей кайпалактап жатты.

- Өмүш, мен сага таарынбайм, тагдырыма таарынам, үйбүлөң менен болгонуң жакшы, мен аша чапсам кечирип кой, - деди Калима көптөн кийин ойлуу.

- Жок, бүгүн барам дагы баарын бүтүрүп келем, - деди Өмүрбек анын жанына келип, - Андан ажырасам дагы сенден ажырабайм! - деди тизелей.

- Алты баланы кантесиң?

- Аларды алып кетет.

- Ошол кантип болсун?

- Болот, каралашып турсам болду да.

- Мен андайга көнө албайм, алты баланын убалы, аялыңдын каргышы мени тынч жашатпайт, - деп Калима айтканда, Урматкан отурган жеринен каткырып күлүп жатты, аны карап беркилер таңгала карап туруп калышты.

- Ой деги кандай оюн коюп жатасыңар ыя, бүгүн Жапаркулум мага маселе коюп отурат, - деди Урматкан ого бетер каткырып, - Кантип ушуга биз макул болобуз, мейли Калиманын го балдары жок, кыйналбайт, беш бала менен мен Жапаркулдун үйүн кантип бузам?

- Оюн эмес, чындап айтып жатам, - деп бурк этти Жапаркул.

- Жо-ок, бул жөн гана оюн, ысыгыңар тарагандан кийин эле эки жүздүүлүк кыла баштайсыңар, керек болсо азгыргансың деп колуңар тийиши мүмкүн.

- Урматкан, жүрөктүн каалоосун айткандын эмнеси күнөө? - Өмүрбек чычалагандай карады, - Силерге оюн, а бизди түшүнбөйсүңөр.

- Мен силерди түшүнүп турам, бирок балдар чоңоет, ар кандай мүнөздө өсөт, ошону ойлошуңар керек, өкмөттүк соттон дагы балдардын сотунда жооп бериш кыйын, башты жерге салып, күнөөңдү моюнга алып, аргасыз түнөгүңдү табуудан башка жолуң калбайт…

- Сөзүң жүрөктү эзет, көңүлдү оорутат, сен эмне деген, кандай жансың керемет, - деп Жапаркул ийнинен ашыра колун артып өөп койду, - Сени ушунуң үчүн сүйүп калдым Урмат…

- Сүйдүргүм-сүйгүм да келбейт, менин жашоом балдарым менен гана бактылуу болууда, ырас жаштыгымбы же жамандыгымбы жолдон чыгып алдым, мындай болушун күткөн жок элем…

- Менде күнөө, сени жолдон чыгарган, - деди Калима Урматканга, - ойноп-күлүп көңүл ачсын дебедимби, мындай болоорун билбей калдым, мени кечир курбум…

- Эч кам санаба, сенин күнөөң жок, бул биздин тагдырыбыздагы тайгак жолдордун кезигүүсү. Тайгаланбай өтүп кетсек болду…

- Кой анда, биз барып өзүбүзчө кеңешип келели, - деп Жапаркул ордунан турду, - Аял алсаң акылкарачачын ал, албасаң бойдок жүрүп катып ка-ал! - деп купшуңдай үйдөн Өмүрбек экөө ээрчише чыгып кетти.

Алар кеткенден кийин Калима буулугуп ыйлап ийди, аны сооротмок болуп Урматкан жанына отурду:

- Башыңды оорутуп эмне кыласың, алты баласына карайбы же сени карайбы, айта бербейби, эркек деген ошенте берет, андан көрөкчө бойдок бирөөнү тап да тийип ал, балалуу эркектерди билесиңби: "ат айланып казыгын табат" деп коюшат ошону үчүн, - деди ойлуу.

- Курбум, бойдогу деле табылат дечи, алардын мага жакпай жатканын айтсам таңгаласың, - деди Калима көз жашын сүртө.

- Сүйлөш, жолугуп көр, анан акырындап жактырып кетесиң, башы бошу жакшы эмеспи, андан көрө ишиң кандай?

- Жакшы, ишенсең Өмүрбек менин айлыгым менен эле жашап жүрөт, анан кантип балдарына жардам берет, ойлоп көрсөң өзүң деле?

- Ишенем, сенин кызматың жакшы, билимдүүсүң дагы, аның эмне мугалимдигинен кыйраткан акча алат дейсиңби? - деди Урматкан. Анан тамак жасап коюп, бир бөтөлкө арак алып келди. Балдарына тамакты ашканага берди да, - Кардыңар тойгондон кийин жатып албай идиштерди жууп, жыйнап коюп жаткыла, - деди.

- Ооба, жууп коебуз, апа, - деди Замир дароо.

- Садага болоюндарым десе, силерди кубат кылып жүрөм го? - деп кичүү эки кызын өөп коюп, ичкери кирди. Калима экөө ортолоруна бөтөлкөнү коюп алып, тамактанып отурушту, баштары зыңылдап ооруп турган эле.

- Көп деле ичкен жокмун, башым кыйын ооруду, - Калима башын мыкчый кармап отурду.

- Менин да башым ооруп турат, аз-аздан алып отуруп эле кызып калат экен киши, деги ичкенге көнүп кетпеймби ыя? - Көнбөйсүң, - Калима камаарабай айтты, - Күндө эле ичип жаттык беле, Укуш айтсаң, мен ким үчүн жашап жатам, сенин го балдарың бар, жашоодо үмүтүң чоң, а менчи, мен ким үчүн жашап жүргөнүмдү, өзүм да билбейм! - Шолоктоп ийди эле, Урматкан аны сооротуп жатты:

- Сен күйөөгө чыгышың керек, такыр болбосо төрөп алгын!

- Кантип, Өмүрбек менен эки жылдай эрди-катын болуп жашадым, бирок боюма болбой койду. Жок дегенде өзүм каалаган адамдан бирди төрөп алайын дедим эле…

- Болот, али жашсың, отуз экидеги аял төрөбөйт деп кайдан уктуң эле, эч кам санаба, мен эми сени бирөө менен тааныштырам, - деп стаканды ортолото арактан куйду, - Кел эми алып ийели, ошолордун сүйүүсүн урдум, балдар болсо болду.

- Рахмат курбум, мен сага суктанып турам, сенин үйүңө кут киргендей болуп калыптыр, кантсе дагы кыдыр жылоологон адам да, ылайым эле балдарың ошол адамдай жакшы адамдардан болуп, ырыскың ашып-таша берсин! - деп алып ийип, оозун басып калды.

- Айтканың келсин курбум, өзүң дагы тилегиң орундалып, багың ачылсын, ушу менин балдарымдай эле бир жаманды төрөп ал! - деди Урматкан күлүп койду, уулбу же кызбы аман-эсен төрөп алсаң болду.

- Кудайдан тилек кылып келе жатам, берип койгусу бардыр, дагы эки жылга чейин төрөсөм төрөйм, болбосо жок, - деп көзүн жума дагы алып ийди. Экөө түн бир оокумга чейин отуруп сырдашты, ыйлап-сыкташты, анан орун салып жатып калышты. Эртеси эрте туруп, жуунуп таранып алып, жумушуна жөнөгөнү жатканда, Өмүрбек келип калды.

- Кеттикпи, жаным?

- Кайда?

- Жумушка.

- Кызык экенсиң Өмүш, мен өз жолум менен кетем, а сен өз жолуң менен, мындан ары менин изимди басчу болбо!

- Эмнеге, мен аялым менен биротоло бүтүрүп келдим, - деп Өмүрбек аңкая карап калды, - Эмне, орто жолдо калтырасыңбы?

- Оңой бекен бат эле үйбүлөнүн дубалын уратыш, сага оңой болсо, мага оңой эмес, оозуң менен айтканың менен эмеле дагы бир машакатың чыгат, анан барышым керек деп тура каласың.

- Жок, басып барбайм, үйдү аларга таштадым, машинаны өзүм оңдотуп алып, айдамак болдум, - деп Калиманы аянычтуу карады, Урматкан үндөбөдү, ортолоруна сөз кошкусу келбей, тек гана карап турду.

- Өмүш, ырас сени жакшы көрөм, бирок сенин үйбүлөң, балдарың мени санаага салат, көргөн-билгендерден тартынып, кантип эркин жашайм?

- Кечээ эле башыңды бошот деп, эми башканы сүйлөгөнүң кандай? - деп жини келе түштү, - Сен антип ыйлап коркутпасаң мен орто жолдо калбайт элем, сенин колуңдан келбейт, үйбүлөңдү таштай албайсың деп долуланасың да, эми минтесиң.

- Болуптур, бирок бир шарт менен: балдарыма жардам берет элем, минтип калды, антип калды деп мага айтпай айлыгыңды ортого саласың, экинчиден дароо закска барабыз, - деди Калима ага тикелей карап.

- Айтканыңдай болот, ал үчүн мага сен төрөп бересиң! - деди Өмүрбек талуу жерине тийип, - Ошондо сенден карыш жылбайм, кел экөөбүз отуруп келишим түзөбүз.

- Келишим түзүп, кыйналбай эле өз үйүңө бара бер, менин башым бош, эч кимге байланбайм дагы, көз каранды болбойм! - деди да Калима үйдөн чыгып кетти.

Өмүрбек бир топко унчукпай турду да жөнөдү. Урматкан дале эчтеке деген жок. Үнсүз гана карап турду: "Жашоо деген оор сыноо дегени чындык тура, булар эми эмне болоор экен, Калиманын үйү бар, ошого жамынып чыгып келген экен, алты бала менен аялын таштаган неме Калиманы жыргатмак беле", - деп ойлуу карап туруп, анан тиричилигине киришти, эсине Жапаркул келди, өзүнчө жылмайып алды: "Ал дагы баарын таштадым деп келээр бекен же жаңылдым жаздым деп, аялынан кечирим сурап, мамыр-жумур болуп калдыбы", - деп ойлоп алды. Айткандай эле, түшкө жакын Жапаркул кирип келди, балдары менен тамактанып отурган, Урматкан тура калды.

- Кел-кел, - деди ыңгайсыздана.

- Келип калдык, - Жапаркул балдарды карай жалтаңдап кетти.

Темир тура калып:

- Ассалоому Алейкум! - деп учурашты.

- Ал-леки Салам, кандай жигиттер.

- Саламатсызбы? - деп беркилери учурашты да орундарынан туруп, сырткы бөлмөгө чыгып кетишти.

Балдардын тарбиясына ыраазы болгон Жапаркул, төрдөн орун алды.

- Келген экенсиң Жапаркул, минтип эри жок аялдыкына түз эле кирип келгениң кантип болсун, көргөндөр кеп кылышат, мени уят кыла турган болдуң го? - деди Урматкан күңкүлдөй, алдына тамак куюп жатып.

- Балким биротоло кирип чыга турган болоормун, керек болсо, эл алдына ачык кирип чыкканга уруксат алып, нике кыйдырып койсомчу? - деп Жапаркул жылмая карады.

- Болбойт, биз тынч жашай албайбыз.

- Эмнеге?

- Эмнеге-эмнеге дейсиң да Жапаркул, сен мени түшүнбөдүң, эгер андай болсо, мага ажырашканыңды аныктаган соттун кагазын алып кел, ошондо ишенем да, макулдугумду берем, - деп Урматкан атайылап кычаштана сүйлөдү.

- Урматкан, күтө турсаң ал дагы болот, мен чатакташып келдим, анан сотко өзү берет, ажырашабыз тез эле, - деди кайпалактаган Жапаркул.

- Сен дагы мени түшүн, азырынча үйүңдө бол, урушсаң дагы өз үй, өлөң төшөгүң, өз аялың, бала-чакаң, биз сага бөлөк-бөтөнбүз…

- Койчу эми, жүрө турайын, жумушума барып, кайра келип турайын, ал бербесе, мен беремин сотко.

- Ал сотко берсе, ушул аял үйбүлөбүздү бузду деп, мени дагы сотко чакырып, ортоңордо жүрөмүнбү ээ. Мен буга жол бербейм, андан көрө ата-энеңдин үйүнө же башка жерге барышың керек? Жапаркул. Сен бала эмессиң, эмне үчүн деп суроо бергендей, себеби мен күнөөлүү болуп чыга келем, ошон үчүн менден алыс болгонуң жакшы, сен мени түшүн, - деди Урматкан.

- Туура, андан чыгып биерге келип алсам, иликтеп таап алат, мен кеттим, башка жакта болуп турайын, - деди да, туруп келип Урматканды кучактап өөп, - Мен башымды бошотуп келгенче чыдай тур ээ? - деди.

- Чыдай албай калсам дагы, бир ойнош табаармын, кам санаба, - деди күлгөн Урматкан.

- Андай кылба, мен сени ойношум деген жокмун го, буйруса жакын убакытта аялым болосуң, - деди да чыгып кетти.

- Эркектер ай, эркектер, жашоодо аялдарды колундагы оюнчугундай көрүшөт, муну кара, ажырашканча биерде боло берейин дегенин. - Урматкан ойлуу отуруп калды. Ал ойлонуп отурганда балдары кирди, Темир менен Замир кыштоодогу сарайдан көң чаап келгени кетип жатышкан, алардын кийим-кечесин даярдап берип, жегенине нан салып берди да, жөнөтүп кайра кирди. Дамир менен эки кызы жаш, эми алар менен эч жакка чыга алмак эмес, Акак менен Шурусу деле ишке жарап калган. Экөөнү жумшап отурса, баласы кирди.

- Апа, Гүлбү эжем чакырып жатат.

- Үйгө кирсин.

- Сизди үйгө келсин дейт го? - деп Дамир кайра айтканда, ордунан туруп, Турдубектин үйүн көздөй жөнөдү.

- Келиңиз жеңе, - деди аны көрөөрү менен Гүлбү.

- Тынччылык элеби?

- Жеңе, Исабек Мусаевич кечинде жуучу кылып, райкомдун биринчи секретары менен дагы эки кишини жөнөтүп, буларды берип ийиптир, - деп босогодо турган коробкаларды, мүшөк-мүшөк ун, кант менен күрүч... койчу, толгон нерселерди көрсөттү, - Ал эми биякта жалаң кийим-кече менен беш миң сом бериптир, атам акчаны алган бойдон кетип калды, мага эчтеке деген да жок, - деди шашкалактай, - Эгер апам болгондо, мындай болмок эмес, - деп Гүлбү ыйлап ийди.

- Келгендер менен эмне деп сүйлөштү?

- Укканым жок.

- Үйгө киргизип, чай-пай бердиңерби?

- Жок, сырттан эле сүйлөшүп, кетип калды.

- Карангү-үн, уят болбогой элек, мага бара койбойт белең?

- Үйүңүздө конок бар экен го, Замир айтканынан баса бергем.

- Алда курган бала, үйгө кире берсең болмок экен, - деп экөө сүйлөшүп турганда, Турдубек келип калды.

- Кел балам, үйгө кирбейсиңби? - деп өзү ичке баштады.

- Аке, кишилер келди дейби, Гүлбү?

- Ооба, кечинде келишиптир, эмне кылаарымды билбей калдым, мындайда акылдашаар бир туугандын жогун айт. Жаш кызды сүйүп калдым деп бийлигинен пайдалангысы келип жатканын көрүп турам, бирок…

- Аке, өзүңүз терең ойлонуп көрүңүз, мен сизге кантип акыл айтмак элем, Гүлбү дагы ойлонсун, бирок кыргыз элибизде жакшы сөз бар го: "Жанашсаң жакшыга жанаш, жугушаар ырыскысы дегени ырас", - Ошондуктан, мен сизге өзүңүз эле ойлонуңуз дегенден башка айталбайм.

- Бирөө жарым атасы ичкич деп жеткирген го, эки ящик арак да алып келишиптир, бир дүкөндү бүт эле көчүрүп келгендей шекилдүү, - деп Турдубек отуруп калды, - Кызымды жаш эле ага кантип бере салам, уккан эл "Турдубек алкаш жаш кызын райкомго сатып ийиптир" дебейби?

- Аке, эл антип айтмак турсун суктанат болуш керек, кимдин эшигине райком келип жатыптыр? Жанаша отуруп калмак тургай, алыстан көрсө, узун сабак кеп кылышкан, улуу адам сиздин үйүңүзгө жуучу жиберип отурса, бул жакшы саамалык: "Ырыстууга жуучу, ырысы жокко доочу келет", - дегендей балким, Гүлбүнүн ырысы тоодой болуп жүрбөсүн? - дегенде Турдубек Урматканды карап калды:

- Ырас айтасың, эгер Гүлбү каршы болбосо, ошого макул болсок окшойт, балам?

- Аке, Гүлбүдөй кыздардын кимисине барды, ойлоп көрсөңүз, башка кайсы кызга келип жатат? Кудайдын бир парманы менен болуп, буйруса бактылуу болсо, сизге пайдасы тийбейби? - деди кайнагасынын жумшарып, өзүнүн кеңешине муктаж болуп турганын сезип, Урматкан шыпылдай.

- Туура, туура айтасың балам, күндө тегеренип, жүз граммга тыйын таппай кыдырып кетчү элем, бүгүн үйдө турса ичким келбей ойлонуп, жаман болбодумбу? - деди Турдубек. - Гүкү, келе балам, жеңең экөөбүз жакшылыктын алдын ооз тийели, балдарга берип, өзүң дагы таттуудан ооз тий, - деп шыпылдай отурду, - Туура, ушул кызымдын бактысы ачылып кетсе болду, - Бапылдап жатты.

Гүлбү жүрөгү дүкүлдөп: "Аргасызмын да, айлам канча, өзүм теңдүүнү буйрубаса пешенемден көрөөрмүн, эми кайда бармак элем", - деп ойлонуп, дасторконго баарынан алып келип койду да, бир бөтөлкө арак менен стакан алып келди.

- Мен ичпейт элем аке, эми ушу Гүкүнүн тоюнун асты болгон соң, аз болсо да, алып коеюн, - деди Урматкан кымырыла.

- Эчтеке эмес балам, менин кызымдын бактысы үчүн алып кой, эмне кылалы, экөөбүз тең жесир калдык, энесинин арбагы колдосун, багы ачылсын.

- Анан эмне, жеңемдин арбагы деле билип жаткандыр…

- Байкушум, өлөөрүндө ушу кызды катуу дайындады эле, - деп Турдубек арактан эки идишке куюп, - Кел балам алып кой, - деди, - Мындан ары ичпейин кызым, ушул ачуу суусуз оокатым өтпөй калса да, чыдап таштайм.

- Ырас кыласыз аке, ичкиликтен пайда жок, андан көрө Гүкүнү жакшылап узатсаңыз, бир кызыңыз али жаш, уулуңуздун окуусуна жардам берип, окуп-чокуп алса, андан өткөн бакыт барбы? - деп экөө, бир бөтөлкө аракты ичип бүткөндөн кийин, Турдубек таттуу-паттуулардан салып берди, кийим-кечелерди көрсөттү да:

- Мына балам, бул кийим-кечени мен кайдан алып барат элем, чын эле бул дагы кудаанын буйругудур, ырыскы өзү келип жатканда, теппей кабыл алалы…

- Келген дөөлөт, качкан ырыскы дейт аке, эми эч кимге унчукпай эле отура бериңиз, Гүкү менин да кызымдай, өзүм узатам, - деди Урматкан.

- Ошент айланайын, өзүң даярда, жууркан-төшөгүн берели, кызым ыйлабасын, ойдогудай кылып өзүң камда, - Турдубек кубанып кетти.

Урматкан Турдубек бергендерди көтөрүп, үйүнө келип бекитип коюп, балдарына бергенин берди да, ойлонуп отуруп калды: "Эмне кылсам, бүгүн тигил Аманканга барып жолуксамбы, ал келбей да койду", - деп шылтоо кылып, ага бармак болду. Анын кабинетине келсе, жалгыз отурган экен.

- Келиңиз эже, жайчылык элеби? - деди ал шыпылдай.

- Жайчылык эле, эки киши үчүн бир койду союп койдуңар, калган эт кекиртектен өтпөй, сактап отурам, ошону эмне кылайын? - деди калп эле шыпшына.

- Ой кокуй эже, ат оонаган жерде түк калат дейт го, аны бала-чакаңыз менен жеп иче бериңиз, как-раз сизге барганы жаткам. Баса, сизди китепканачы кылып коелу деп кеңештик, - деп Аманкан жалпылдап, жаны калбай жатты.

- Койчу, чын элеби? - Урматкан ишене бербей карап калды.

- Чын айтам, сизди бир тууган жеңеси дедим эже.

- Рахмат Аманкан, ырас болгон тура, - Кубанганынан ордунан обдула калып, кайра отурду, - Анча-мынча көрө албагандар чычалап кала берсин…

- Бүгүн дагы бир кой барат эже, барганда унчукпай пайдалана бериңиз, Гүлбүнүн арты менен жакшылыкты көрө берели буйруса, - деп чөнтөгүнөн беш жүз сом алып чыкты, - Дасторконго керектүүнү өзүңүз алып даярданып, кечинде Гүлбүнү чакырып коюңуз.

- Айтканыңдай болот иним, кыз менин колумда, атасы менен дагы ачык эле сүйлөштүм, барган тойлуктарды эмне кылаарын билбей башы маң болуп отуруптур, аябай айттым, анан өзүң узат деди байкуш, себин дагы өзүм даярдамак болдум, - Урматкан ээги-ээгине тийбей эбиреп жатты.

- Азаматсыз, ошончо кыз барды, ошолордун ичинен ушуга көөнү түшкөнүн караңыз, - деп Аманкан дагы кубанып отуруп, телефон чырылдаганда, алаксып калды.

- Мен сага жолтоо болбой кетейин, - деди да чыгып жөнөдү. Ушул ирээт буту жер баспай келе жатты, китепканада отурганын элестетип, жүрөгү элеп-желеп, бул кубанычын ким менен бөлүшөөрүн билбей үйүнө келсе, Калима келип күтүп жаткан экен.

- Кайда кеттиң эле, келгеним качан, жоголдуң го?

- Ээ курбум, буйруса кудайым өзү бир колдоп, калды окшойт, жакында китепканачы болуп орношо турган болдум.

- Кантип? - Калима таңгала сурады.

- Ооба курбум, оомат келип турат окшойт, эмки жумадан баштап иштей баштайм, - Кубанганынан эки бети албыра, кубанычында чек жок болуп турду, - Бул да болсо Гүлбүнүн арты менен болуп жатат, бүгүн дагы биздикине келет, сен бул жерде бол, райкомдун насибине ортоктош бололу, - деди ички сырын жашыра албай.

- Болсун курбум, кантип сенин кубанычыңа ортоктош болбоюн, мен отурсам тартынбайбы анан?

- Бүгүн ачык айтат болуш керек качан алып кетээрин. Тойду болсо үйүнө түшүрүп коюптур, беш миң сом бериптир.

- Укмуш ай, дегеле чоңдордун мындайын угуп көргөн эмесмин, алса дагы жашыруун алып, кетээрде таштап кетчү эле, замандын өзгөрүлгөнү да, болбосо кызматынан ажырагандан коркуп турушчу эле.

- Эми президент шайланса, көрөбүз да, күздө шайлоо болгону турат го, балким президенттикке коеор…

- Койсо коеор, байкуш Гүлбүнүн багы ачылып кетсе болду, - деп Урматкан жанараак Турдубек берген бөтөлкөнү алып келди, - Бул тойдун алды деп кайнагам берген, ырас келбедиңби?

- Мейли алса алалы, ошол кыздын багы ачылып кетсин ээ? - деди Калима. Экөө бирден алганда эле, эшиктин алдына машина токтоп, эки бала койду түшүрүп келди да, өздөрү сое баштады.

Ошол күнү Гүлбүнү Урматкан алып келди да, Исабек Мусаевич экөөнү залга отургузуп, тамак ашын киргизип берип, тигилердин сөздөрүн тыңшап, көпкө туруп, анан Калима экөө отуруп тамактанып жатышты. Гүлбү тагдырына баш ийип берди белем, бул жолугушууда анча таарынган жок.

- Гүлбү, - деди Исабек Мусаевич, аны алдына алып отуруп, баласындай эркелете, - Менин сунушума атаң кандай көз карашта болду?

- Билбейм…

- Эч нерсе деген жокпу?

- Жок.

- Өзүң кандай чечтиң?

- Билбейм.

- Эмдиги жумада шаарга барып келели ээ?

- Атам жибереби?

- Ачык айтабыз да.

- Өзүңүз билиңиз…

- Болду анда, сенин бул жообуң мага жетишээрлик, - Кызды алдына отургузуп алып, алкымынан аймалап, жүзүнөн өпкүлөп жатты.

- Болдучу, жаман экенсиз…

- Эркем менин, ак маралым, сүйүүдөн өлүп баратам, кечиккен махабатым…

- Аялыңыз эмне дейт?

- Аны менен ажырашам.

- Кереги эмне, балдарыңыз болсо керек?

- Эки уулум бар, алар апасын жакшы көрөт, дини бөлөк аял менен ушунча жашадым, жетишет эми, сени менен каалагандай басып кетсем болот, жаным.

- Мен корком, балким каршы болоор, шылдың болуп кала бергенден корком, азыр бир топ эл угуп калды…

- Сени жер каратпайм, эч кимге капа кылдырбайм, - Сугалактана өпкүлөп, басып жыгылды.

- Айылда кандай иш болсо, дароо угулат, эмне болуп жатканы бүт элдин көз алдында болот, сиз андайды билбейсиз, көпчүлүккө шерменде болбосом болду, - деп кыз көзүн ылдый кылганда, Исабек анын көздөрүнөн өпкүлөп кирди.

- Айттым го, сени бир адам капаланта албайт, дагы беш жыл бул жерде иштейм, кайда барсам ала жүрөм, эркем.

- Мен аргасызмын, эми баш тартууга болбосун билесиз да, - деп кыз күлүмсүрөй карады.

Экөөнө эч жан тоскоолдук кылбады. Эртеси таң агара электе Исабек Мусаевич жөнөп кетти, Гүлбү дагы эч кимге билгизбей чыгып кетти. Калима менен Урматкан семиз этти жеп, бир бөтөлкөнү коюп алып, түнү кеч жатышкан. Күн чыга зорго ойгонушту. Жапаркул алар туруп жатканда келип калды, аны көргөн эки келин бири-бирин карап туруп калышты:

- Салам, кандайсыңар кыздар?

- Жакшы, келип калыпсың? - деди Урматкан.

- Келип калдык, зеригип кеттим, - Күлө Урматканды бетинен өөп койду, - Силерсиз жашоо кызыксыз экен.

- Өз аялың туруп неге зеригесиң, биз го бойдокпуз, жалгыздык жанды кыйнаганда, силерге окшогон жигиттер керек болуп калганда, - Урматкан көзүн сүзүп койду, - Жапаркул, эми сенин керегиң жок, бизге өзүбүзгө окшогон бойдок эркектер керек!

- Кой, мен өлүп калам, сенден айрыла албайм, - деп кучактап калды.

- Ой койгулачы эркектер, ушундайсыңар баарыңар! - деп Калима терс бурулуп кеткенде, Жапаркул ыңгайсыздана калып:

- Бүгүн бир жерге барып, көңүл ачсакпы деп келгемин, - деди ыржая күлгөн болуп.

- Биз эч жакка барбайбыз, - деди Урматкан.

- Эмнеге?

- Бошобойбуз.

- Урматкан, кой эми антпегиле, Өмүрбек бизди күтүп жатат, машина бар, андан көрө эртерээк жөнөйлү.

- Менин жасай турган жумуштарым көп, жакында кыз узатам, төшөнчүлөрүн жасаганга кайнагам мени дайындаган эле, улуу кишини укпай коймок белем?

- Оюнуңарды токтоткула, Жапаркул, мындан ары силерди биз, силер бизди тааныбайсыңар, - деди Калима.

Бирок Жапаркул экөөнүн алды-үстүнө түшүп жатып, эптеп ээрчитип, үчөө жигулиге отуруп жөнөп кетишти. Өмүрбек аларды күтүп, тынчы кетип жаткан эле, куурдак куурутуп, баарын даярдатып коюп, күтүп жатып: "Калима катуу таарынып калды эле, келбей коеор бекен", - деп ичинен ойлонуп турган, машина көрүнгөндө утурлай басып, эки көзү машинанын ичиндегилерде болуп карап турганда машина жанына келип калды,ичинен Калиманы көрүп кубанып кетти:

- Келдиңерби деги? - деп шыпылдай жетип барды да, эшигин ачып, Калиманы колдон ала, күлө карады, - Келиңиз сулуу, ушундай да сагынтасыңбы, көрүүгө зар болдум.

- Койсоңчу, кайдагы калпты айтпай, - деп тескери басып кетти.

- Алтыным, кел эми табышалы, сенден өткөн адамым жок, сенсиң менин бардык дүйнөм, жанымдын жартысы-ы, - деп Өмүрбек болбой эле кучактап, карылуу колдору менен бекем кармап алып, кое бербей туруп алды эле, Калима анын колунан бошоно албай жатты:

- Кое бер дейм, мен сен үчүн келген жокмун, Урматкан үчүн эле келгемин, - деп түртүп жатса дагы болбой Өмүрбек аны кучактап алып, боз үйгө карай басып кетип жатты.

- Алтыным менин, кечир мени, мындан ары жаныңдан чыкпайм, өзүм кошо жаныңда болом, - деди да, боз үйгө кирип кетишти.

Жапаркул менен Өмүрбек атайын үй тиктирип, жайлоого эс алмак болушкан. Кой сойдуруп, баарын даярдап, экөөнү алып келген эле. Келээри менен тамактарын жайып, Өмүрбек өзү шыпылдай кыймылдап жагынып жатты.

- Өмүке, кыздарга коньяктан алып келе кал, - деди Жапаркул кол жаңсай, - Кыздардын көңүлүн ачпасак болбойт, - деп Урматкандын ийнинен имере тартып, өзүнө каратты.

- Алып келип койгом, алып чыксаң.

- Каерде?

- Столдун алдында.

- Аа-а таптым, таптым, - Жапаркул койкойгон кыргыз коньягын алып чыкты да, стакандарга куюп, - Кана эмесе, эркиндик үчүн ичели, бүгүн Өмүрбек экөөбүз тең бошонуп отурабыз, мындан ары биздин тагдырыбыз силердин колуңарда.

- Болбогонду сүйлөбөй келгиле, ичсе ичели, - деди Калима стаканды кармай, - Өлүп кетсинчи ушул дүйнө, жашоодон деги тоюп дагы кеттим, ушундан көрө жашоодон кечип кеткиң келет.

- Кой жаным, сен жок мен кантем, сен деп алты баланы таштап отурам, сен менин жанымдын жартысысың, күнүмсүң - күкүгүмсүң! - деген Өмүрбек кучактай өөп койду, - Сенсиз менин күнүм кандай болот, алтышкам го менин.

- Жөн отурчу, мен сени менен сүйлөшпөйм!

- Койчу эми, кечирип койчу, - Өмүрбек Калима менен кайым айтышып отуруп, ичип ийди, - Мейли, өзүң бил анда, мен кеттим, силер жакшы отургула, - деп Өмүрбек ордунан туруп, сыртка карай жөнөдү.

- Өмүке, кой сен дагы таарына бербей, Какиштин таарынычын бат эле жазабыз, экөөңөрдү биз Урматкан экөөбүз табыштырабыз, - деп Өмүрбекти колтуктай төргө өткөрдү, - Келгиле эми, ак чөп башта деп, жакшылап сүйлөшкүлө, - деп Жапаркул Калиманын жанына отуруп, экөөнү кол кармаштырды, - Таарынычтарды артка таштап, алдыга кадам таштайлы, жаңы дем, жаңы күч менен - деди каткыра.

- Жапаркул, Өмүрбек мени кандай кылды, өзүң көрүп, билип эле турбайсыңбы, таарынбай турган ишпи?

- Жашоодо таарыныч болбой жашоо жок, бирде кубаныч, бирде кайгы адам баласын каптай жүргөнүн адам баласы сезбей, билбей өтүп кете беребиз, бүгүн жакшылап көңүл ачалычы, буйруса төртөөбүз бир түндүктүн алдында бир-эки жумадай эс алалы.

- Жапаш, эми мен баштайм, аял бечараны урушуп да, кайра заматта бал тилге салып, жибитип алып, оюнчуктай көрөсүңөр, - деп Урматкан бир жактан чыкты, - Унчукпай койсо, чечен болуп кетесиң да, мен деле сага таарынмак тургай көрөйүн деген көзүм жок, Калима досум үчүн эле келгемин. - Алтышкам го, ушу силер үчүн жайлоонун гүлү буралган, сайда суусу аркырап, абасы таза салкын төр, төртөөбүз үчүн жаралган, - деп жердин сулуусу, ушул жерге атайын үй тигип, сюрприз кылдык, досум экөөбүз, - деп Жапаркул каткыра санын чапты, - Жасаганыбыздын баары экөөңөр үчүн!

- Өзүңдү калп актабай эле койсоң, менин үйдө балдарым бар, ээн эркин жүрө албайм, төрт чиедей баланы бир тамга таштап коюп, жайлоолоп жүрсөм, эл наалат кылбайбы, анын үстүнө көп ишим токтоп калды, - деп Урматкан бежиреп, сыртка чыгышты.

- Урматкан, кел эми жакшылап сүйлөшөлүчү, чынымды айтсам, мен сенден кете албайм, биротоло чыгып кеттим, үч баланы өзүм карайм, ата-энем бага берет, ошондуктан мен аны таштадым, - деди имере кучактап.

- Кызыксың го, беш балалуу аял менен жашашыңды элестет, мен элге кеп болуп, башымды өйдө көтөрүп, баса албай калам го?

- Турмушта сен экөөбүз экенбизби, болуп келген, боло берет.

- Ошентсе да ойлонуп иш кылыш керек, Турдубек кайнагамдын кызынын себин жасайм, атайын мага ишенип отурат, эртең эртерээк кетпесем болбойт, - деди ойлуу, - Менин азыр өзүмдү ойлогонго чамам жок…

- Мен кантем Урматкан, сен деп үйбүлөмдү таштап кете бердим, - Жапаркул ага тигилди.

- Сенин өз жашооң бар.

- Койсоңчу, сени менен түбөлүк жашоого сөз берем.

- Неге?

- Сүйөм.

- Жалган, экөөбүз эми күйдүм-сүйдүм дегендей жаш эмеспиз, кыркты көздөй барып калганда, андай ашыкча сөздүн кереги не?

- Ушул кездеги сүйүү өтө күчтүү болот.

- Ишенбейм Жапаш, сен өз очогуңду бузба, мейли кээ-кээде жолугушуп туралы, эмки биздин мамиле ошол гана болууга тийиш.

- Жаңы аткан жарык таңым.

Бир өзүңсүң сүйгөн жаным.

Ажырабайм бир өзүңдөн.

Сүйөм сени келчи жаным, - деп бакылдай ырдап Өмүркул Калиманы колтуктап үйгө кирди.

- Ох-хо, экөөңөр ынтымакташып алгансыңар го? - деп Жапаркул стакандарга коньяктан куйду.

- Өмүр аз, канча жашоо бар билбейбиз.

Бир гана жанымда сен болсоң болду.

Көңүлдү калтырбастан ойноп күлүп.

Сулуулар жашарталы гүл көңүлдү! - деп Жапаркул стаканды көтөрдү, - Эмесе сулуулар үчүн алалы ээ, Өмүке.

- Ананчы, ушулар деп баарынан кечип, отурабыз го?

- Койгула эми, бирок бала кылбас ишти кылганыңар туура болбой турат. Калима го башы бош, бирок, терең ойлондуңарбы, убакыт өткөндөн кийин муну да кыйнап жүрсөң, убалы кантет? - деди Урматкан Өмүрбекке карап, - Алты бала деген оңой эмес, бир күнү алардын жүзүнө карай албай, суроосуна жооп табалбай, башты жерге салып отурганча, эмитен өз-өз очогуңарга баргыла!

- Жок, мен эч жакка барбайм! - деди Жапаркул дароо эле.

- Мен дагы, баары бүттү! - Өмүркул Калиманы карады, - Биз чечишип алдык ээ Какиш?

- Ооба, сөзүнө тура турган болсоң.

- Эркекче сөз берем! - Өмүрбек ийиле көкүрөгүнө колун кое, жылмайып койду, - Сенсиң менин алтыным.

Дүйнөдөгү артыгым.

Сен үчүн жашайм түбөлүк.

Жүрөгүм сүйгөн жаркыным, - деп колун өөп, жүзүнө тигилди, - Айтчы жаркыным, сен дагы мени сүйөсүң ээ?

- Сенсиз жашай албасымды айткамын, - Жылмая Өмүрбекке ыктады Калима, - Сен менин жашоомсуң да?!

- Жаны го? - Экөө өбүшүп калды.

- Урматкан, сен экөөбүз сүйүү булагынан ичип келбейлиби?

- Жок, мен сага сөз бере албайм.

- Койчу эми, жанымдын жартысы, келчи экөөбүз жакшылап сүйлөшөлү, - Жапаркул Урматканды кучактап өөп алып, - Жүрү кечки жайлоону суктана карап, ырахаттанып бир аз басып келели, - деди.

- Мен жатып эс алгым келип турат, капа болбочу Жапаш.

- Болуптур анда, - деп Жапаркул унчукпай калды. Көпкө эч кимиси сөз катпай, боз үйдүн ичинде отура беришти, үй ичи караңгы түндүктөн жабырап, чыккан жылдыздар көрүнүп турат. Бир кезде Өмүрбек тура калып, алып келген буюмдарынын ичинен, шам издеп тапты да, күйгүзө баштады:

- Ар кимиң өз тилегиңерди айтып, шамды тегеректеп отургула, шам жагып тилек тилейли, - деди күлө беркилерге карап:

- Шамды жагыштан мурун таза даарат алуу керек, күнөөлүү болуп туруп, шамдын жанында макүүрөөсүңөр! - деди Урматкан күлө:

- Күнөөлүүсүңөр эмес, күнөөлүүбүз десең, - Өмүрбек күлбөстөн мостое карады, - Биз эле эмес силер дагы күнөөлүүсүңөр, демек төртөөбүз тең даарат алып, шамга отуралы.

- Койгулачы, кайдагы жорукту баштабай.

- Эмне экен, тилегибизди берип калса, ажеп эмес, - деп Өмүрбек Калиманы кучактай күлүп калды, - Туура айтамбы алтыным?

- Туура, ал үчүн ичпей, тазаланып, анан тилек кылышыбыз керек, - деп Калима дагы аны жактырбай койду, - бир эле шам жак.

Бир шамды күйгүзүп коюп, экөө тиги четке, экөө берки четке кучакташып жата кетишти, күбүр-шыбыр болуп сүйлөшүп, көпкө жатып тынчып калышты. Түн бир оокум, Өмүрбек менен Калима күш-быш этип калды, кыңкыстаган үн, онтогон дабыштар үй ичине толуп кетти. Бири-биринен өтүп, кыңкыстаган үндөрдөн Жапаркул ойгонуп кетти, бир аз тыңшап туруп, анан Урматканды сыйпалап киргенде, Өмүрбек менен Калима былк этпей калышты. Андан кийин Урматкандын онтогон дабышы угулуп, Калима шыбырай:

- Эми тигилер баштады, уятыңар жок ээ? - деди күлкүсүн эптеп тыйып.

- Эмне болмок эле, баары төшөктүн ичинде болуп жатпайбы?

- Ошентсе деле, кызыктай болот экенсиң да жарышкансып?

- Эч нерсе эмес, дабыш чыгарба кызып калганда, сонун ырахатынан айрып жүрбөйлү, - деди оозун баса.

- Өзүң жөн жат.

- Мен дагы кызып жатпайынбы, аларды көрүп дүүлүгүп баратам, - деп сыйпалап калганда, анын колдорун түртүп койду.

- Болду, уйкум келип жатат.

- Анан уктайсың, тигилер бүткөндө, биз кайра баштайбыз, - деп бышылдап оозун басып күлүп жатты.

Эртеси Урматкан туруп алып, эртелеп кетмей болду. Жапаркулдун кал дегенине да болбоду, анан төртөө тең айылды көздөй жөнөштү, калган этти салып алышты да, Урматканды үйүнө түшүрүп, андан ары кетишти. Келсе улуу баласы жок экен, кечинде келбегенин айтты, эки кызы ыйлап отуруптур.

- Эмне болду силерге?

- Темир акем жок, биздин курсагыбыз ачты.

- Замирчи, ал кайда жүрөт?

- Ал үйдө уктап жатат.

- Өлүгүңдү көрөйүндөр, бир күн жок болсоң абийириңди ачышат, тамак аш жок болсо бир жөн, барды эптеп жей албайсыңар, - деп жинденип ичкери кирсе, Замир менен Дамир эки жерде уктап жаткан экен, төшөктөрүн сыйрып алып, кыйкырып кирди, - Эй жалаңкычтар, түшкө чейин уктабай, балдарга тамак жасап, чай бербейсиңерби ыя, Темир кайда кетти эле?

- Ал кечээ балдар менен тоого кеткен.

- Кандай уруксатсыз кетет ыя, кимдер менен кетти эле?

- Классташтары менен.

Жесир

- Үйгө келээр, шашпа шүмшүктү, өздөрүн-өзү билип калышкан тура!

- Апа, сиз каякта жүрдүңүз, Гүлбү эжем чакырып келген.

- Качан?

- Кечээ.

- Тургула, үйдүн ичин үч көтөрүпсүңөр, туруп жыйнагыла.

- Азыр, - деп эки уулу уйкусурай ушаланып, зорго туруп жатканда, Урматкан кайра чыкты.

Гүлбүгө барса, ал эшикте жүрүптүр, атасы көрүнбөйт, Канат менен Жумагүл уктап жатыптыр.

- Келиңиз жеңе.

- Келдим, эмне кылып жатасың?

- Үйлөрдү актап тазалайын дегем.

- Жалгызбы?

- Ооба, атам актайм деди.

- Мага жөн-жай бардың беле?

- Ооба, атама сүйлөшөсүзбү дегем.

- Эмнени?

- Үйгө кириңизчи.

- Тынч элеби, акем ичип жатабы?

- Жок, баягы бойдон ичкен деле жок, - деп үйгө киргенден кийин дасторкон салып, чай койду, - Мени шаарга алып кетем деп жатат, атама айтпай кантип кетем?

- Жөн-жай элеби?

- Билбейм, бир жумага дейби?

- Барса барып кел, сен эмне али жашсың, ойноп-күлө турган кезиң, жаштыктын кадырын картайганда билесиң, азыртан ойноп-күлүп алсаң, кийин өкүнбөйсүң, акем менен өзүм сүйлөшөм, качан кетесиңер?

- Эртең.

- Кийинип алдыңбы?

- Кийимдерим болот го?

- Мейли, үйдү мен коңшу-колоңдорду чакырып, актатып коем. Туугандарды да чакырам. Ушундайда жардам бербеген, алыскы-жакынкы туугандарды айтам жөн эле, - деп Урматкан шыпылдап, убадасын бере үйүнө кетмек болуп жатканда, эшиктен эки кемпир, бир аял кирди. Алардын бири Турдубектин эжелеринен болот, бири мындайыраак жеңеси менен туугандарынын аялы.

- Кандай кызым, чоңойдуңбу айланайын, - деп Тажикан Гүлбүнү өөп, учурашып өйдө өттү, - Урматкан кандай балам, жакшы жүрөсүңбү, балдарың чоңоюп жатабы?

- Кудайга шүгүр эне, жакшы жатабыз.

- Алымкан менен сүйлөшүп турсак, ар ким-ар ким ар кандай сөз айтышат ботом, аныгын билеличи, бизге айтат эле деп келдик, - деди Бүбүкан Гүлбүнү бир карап коюп.

- Ооба десең, мындайды адегенде, элге айтпай туруп, тууган-уругуна айтып кеңешет, кеп-кеңешин угат, Турдубек кайда жүрөт?

- Атам жумушка кеткен.

- Каерде иштеп жатат?

- Сугатта.

- Иштей берсин, иштебесе болбойт.

- Деги райком кызга жуучу жибергени аныкпы? - деп Бүбүкан Урматканды карай суроо узатты.

- Ооба эне, мен деле акемин өзүнөн уктум.

- Райкомуңар Турдубектей эле киши экен дейт, жаш кызга напсисин агытканы эмнеси ботом, ошону чогуу кеңешели дедик эле, Гүлбү эмне дейт анан?

- Гүлбү азыр жаш, ушундай чоң, кыдыр жылоологон адам улуу башын кичик кылып, колун сурап жатса... Кимдин эшигине келип жатты эле ушундай аттуу-баштуу кишилер? Акемди кампачы кылганы жатат, Гүлбүнү болсо окутуп-чокутуп коет, анын арты менен Канатты, Жумагүлдү да окутуп алса, адам болуп калбайбы? - деп Урматкан шыпшынып жатты.

Гүлбү эшикке чыгып кеткен. Ар кайсыны айтып көпкө отурушту, Турдубек келгенде Тажикан менен Алымкан өзөлөнө таарыныч кылып кирди:

- Ботом, эң улуу кызың болсо, эмне кылайын деп бир ооз балаңды жөнөтүп койбойт белең, бизден деле келемиштикиндей акыл чыгаар эле го?

- Капырай десең, үйүнө тоодой-таштай адамдар жуучу түшүп келип жатса, үндөбөй тим болгонуң кантип болсун, элдин баары дүң кылып, кеп кылып жатышат, өзүңдөн укпай элден укканың жаман экен.

- Жеңе, эже силер мага таарынбагыла, акыл кошоор аялым жок, үңкүйүп, жалгыз отурсам, силерге кайдан барам? Коноктогонум жок, келди да айтып коюп, кетип калышты. Эсим ооп эле калдым, ошондон бери ичкиликти токтотуп көп ойлондум, элдин көбү угуп калган экен, кээси эмитен эле кошомат кыла баштады, кызым өзү чечсин дедим.

- Туура: "Жакшыга жанашсаң жетесиң мураска, жаманга жанашсаң каласың уятка", - дегендей мындай кимге келип жатыптыр, болгону кыз жашыраак да кудай ургандыкы, - дегенде, сыртта терезе түбүндө туруп алып, сөз тыңшап жаткан Гүлбү: "Менде эмне сөз, чабалдык-алсыздык кылдым, эми бул иштин акырына чыгыш керек, кандай болсо да, кадыр-барктуу адам эмеспи", - деп ойлонуп, анын эркелеткенин, өзүнө жасаган мамилесин, төшөктөгү кумарды көз алдына келтире, эки бети кызара албырып, жан жагын каранып алды. Бирөө жарым карап тургандай, чоочуп да кетти.

- Көпчүлүк деген көпчүлүк да балам, сенин кызыңа райкомдун өзү жуучу жибергенин уккан эл өздөрүнчө эле күбүр-шыбыр, ичи күйгөнү дагы бар экен, эми биздин акылыбызды ук, ичпей коюп жакшы кылыпсың, кызды чогуу жакшынакай кылып узаталы, - деп Бүбүкан менен Тажикан обдула коюп, сүйлөп отурду.

Ошентип, туугандары чогулуп үйүн актап, төшөнчү орунун даярдап, эшик-элигин тазалап кирди. Гүлбүгө курбусу келип жолугуп, өз оюн айтты:

- Сен кызык экенсиң, сенден канча жаш улуу, кызматына карап тийип алып кийин азап тартып жүрбө?

- Жо-ок Насип, мен ал кишини жактырып калдым.

- Койчу, чын элеби?

- Ооба, чын.

- Кызык, баягыда чогуу эле тосподук беле?

- Ооба, бир көргөндө жактырып калдым, жыйырма жаштын айрымасы деле жок, өзүм каалап, ал жактырбай койсо эмне кылат элем? Ал үйгө киши жиберди, мен бактылуумун Насип, - Гүлбүнүн көздөрү күлмүңдөп, курбусуна жайнай карады, - Ошончо кыздан мага көңүлү түшүп калыптыр. Эртең шаарга кетебиз, келгенден кийин тоюбуз болот.

- Гүлбү, ал сени кантип таап алды? - Насип суктана карап, сурап жиберди, - Канча кыздар жүрдүк, кимден-кантип сурап билип алды экен?

- Билбейм, үйгө кишилер келгенде билдим.

- Чын эле, булар таап алат, чын эле бактың болуп, жакшы жашап калаарсыңар, жолуктуңарбы анан?

- Эки жолу жолугуп сүйлөштүм, - деди Гүлбү ойлуу.

- Кандай, мамилеси кандай экен.

- Абдан жакшы.

- Бактылуу бол курбум, - деп, курбусу көпкө отуруп анан кетти.

Гүлбү ойлуу курбусун узатып коюп, үйүнө кирди. Исабек Мусаевич берген кийимдерди бир сыйра карап көрдү, толкундана апасын эстеди: "Апаке, кечир мени, балким азыр жанымда болсоң, капа болоор белең, уруксат бербес белең билбейм, сен бар болсоң андайга барбайт элем, атам дагы ичип туруп алды, кыйналганымдан баарына кайыл болдум апаке", - деп ыйлап да алды.

Эртеси кечинде Турдубектин үйүнө бир караан кирип чыкты, ошол күнү Гүлбүнү шаарга алып кетти. Турдубек туугандарын чакырып алып той берди. Тамшанбаган адам жок, алардын айрымасы жаш курагы экенин да элес албай Турдубекти мактап жатып калышты. Айыл эли дүң деп барып токтоду, тойду башкарып, Урматкан ошол жерде, райком кызды себи менен алган жок, эч нерсенин кереги жок деп, кайра он миң сомду Турдубекке, эки миңди Урматканга берип ийген бойдон, бир жумадан кийин келишип, атайын райкомдор келип кетчү чоң заңгыраган үйгө токтошту. Ошол күндөн эки күн өткөндөн кийин Турдубек кызынын ал-абалын билип келиш үчүн Тажикан менен Урматканды, кызы Жумагүлдү кошуп, бир кой союп, боорсок менен конфет-печеньени салып, кыз-күйөөсүнө кийит-кече берип жөнөттү. Алар келгенде Гүлбү уктап жаткан, Исабек Мусаевич алда качан жумушунда эле. Айтпай барып калышкандан улам, Гүлбү Мусаевичке үйдөгү телефондон чалды. Андан кийин Тажикандар ичкери киришти:

- Кандай кызым, ал-абал жакшыбы?

- Жакшы эне, өзүңүздөр жакшы турасыздарбы? - Гүлбү баары менен учурашып, андан кийин чай койду, бышырылган казы-карта менен үстөл үстүн толтуруп, кабагы ачык отурду. Кийгени бир баа, кымбат баалуу халат, башындагы жоолугу жаңы чыккандан, бутундагы домашныйы өзүнчө эле бир баа, - Жеңе, шаарга барып ойнотуп келди, конок болдук, атам жакшы жүрөбү? - деп Урматканга карады.

- Жакшы эле жүрөт, өзүңдүн акыбалың жакшыбы деги, акем сенден кабатыр болуп жүрөбү, кабагы ачылбайт, - деди Урматкан.

- Атама айтып койгула, мен жакшы эле жүрөм, мени ойлонбой Канат менен Жумагүлдү жакшыраак карасын.

- Айтып барабыз айланайын, баланы ойлобой анан ойлонот да балам, апаң болгондо да, башка болот эле. Эмнеси болсо дагы, бактылуу болсоң болду, кудай багыңды ачсын, - деп Тажикан шыпшына алкап, тердеп-тепчип отурганда, Исабектин жиберген адамдары келип, кой союп коноктоп жатканда, Исабек келип калды.

- Саламатсыздар!

- Саламат айланайын, - деп Тажикан тура калмак болду эле:

- Отура бериңиз, жакшы отурасыздарбы? - деп сылык гана ордуна отуруп калды. - Гүкү, энемдерге жакшылап, чай берип жатасыңбы?

- Ооба.

- Кенен отуруңуздар, кандай аксакал жакшы турабы?

- Жүрөт айланайын, кудайга шүгүр.

- Мен аксакал менен сүйлөшүп көрүп, бир орун дайындап коеюн деп жатам, - деди Мусаевич, - Эгер бош болсо, эртең мага келип кетсин.

- Макул айтып коебуз.

- Убагы келсе, өзүн дагы чакырып алабыз го? - деди да туруп, башка бөлмөгө кирип кетти, Исабек Мусаевич жазы маңдай, ак жуумал, кашы бийик, көздөрү жакшынакай элүүлөргө жетип-жетелек жигит эле.

- Маңдайы жарык неме тура айланайын, бактылуу бол эми, күйөө бала мага жагып калды, - деди Тажикан шыбырап.

- Ии-й, - деп жылмайып койду Гүлбү.

Ошол убакта телефон шыңгырап, Исабек сүйлөшүп калды.

- Ас-салоом Алейкум, угуп жатам, да-а-да, саат канчада, болду барып калам, жакшы кабарыңа рахмат, мына жөнөдүм, - деди да кийинип, кайра чыкты, - Гүкү, мени борборго чакырып калды, энемдерди жакшылап конокто, бүгүн биерде эле конуп алышсын, - деди да Гүлбүнү сыртка чакырып алды, - Бүгүн эртең келе албай калам, миң сомду сиңдиңе берип кой, өзү каалаганын алып алсын, апаңа өзүң билип, муну экөөнө бөлүп бер, калган сыйды өзүң жасай бер жарыгым, эгер жалгыз калсаң сиңдиңди алып кал ээ? - деп эки бетинен өөп, жөнөп кетти.

Тажикан менен Урматканга өзүнө келген көйнөк жоолуктан, анан бирден пальто жаап, жакшы коноктоп, кешикти мол салды да, узатып ийди, Жумагүлдү алып калды.

Ошол учурда Союз тарап, приватташтыруу болуп жаткан, Турдубекке жаңы салынган кызыл кирпичтен сарайды бөлдүрүп берди, өзүн жумушчулар кыскарып жаткандыктан, малдарды бөлүп алып барып, сарайга киргизип койду. Менчиги катары сарайда малчы болуп, Турдубек оңуп калды. Өзү билип өзү коет. Үйүн заңгыратып салдырып койду.

Арадан эки жыл өтсө да, Гүлбүнүн боюна болбоду, каалагандай кийип ичип, Исабек кайда барса, ошол жакта жүрүп, көңүлү өстү. Курбулары келсе, алдына машина берет, ойноп-күлүп келишет. Урматкан эки жылдай китепканада иштеди, бирок кийин баары кыскарып, үйүндө болуп калды.

Көпчүлүк убактысын ойноп-күлүүгө жумшаган Урматкандын балдары бейбаш чыкты. Темир энесин укпай күндөп-түндөп үйгө түнөбөй жүрүп, көрүнгөн менен мушташып, уурулук кылып кесилип кетээрде Исабек Мусаевич жардам берип куткарып калды. Замири дагы андан өтүп бейбаш балдар менен чогуу жүрүп, алты ай түрмөгө отуруп чыкты. Жашы жете электердин түрмөсүнө алты ай отургандан кийин баш бербей шаарга кетип калды..

Урматкан Жапаркул менен жүрүп, Калима болуп чардап жүрүшкөндө, Өмүрбектин аялы Шайыр менен Жапаркулдун аялы Гүлзана бир күнү сүйлөшүп отурушту.

- Ошол аялдар экөөбүздөн ашык болсо тим коелу, эгер мага жакпаса, чачын бирден жулуп, Өмүрбекти жетелеп алып келем, болбой турган болсо, ошол жерден өлтүрөм, - деди жинденген Шайыр.

- Балким өйдөрөөк болсочу, биздин аңги эрлерибиз өздөрү жармашып жүргөн болсо кантебиз? - деди Гүлзана.

- Кебетесинен эле байкайбыз да.

- Антпесек болбойт, эки жылдан бери кетип, кайра келе берип, тажатты мени дагы, тапкан эчтекеси жок, жумушунан да кыскарды.

- Кам санаба, мен дагы тажап бүттүм, же биротоло кайрылгыс кылам, же экөөнү тең жок кылам, - деп жиндене берди Шайыр.

- Ачуу душман акыл дос деген тура, акылдашып, экөөнүн артынан түшүп, таппасак болбойт, - деп Гүлзана токтоолук кылып, Шайырды тынчтандырды.

Ошол күнү Өмүрбек балдарыма келдим деп, тапканын көтөрүнүп алып, Калимага билгизбей үйүнө келди. Шайыр унчуккан жок. Ал келээри менен чоңураак баласын Гүлзанага жөнөткөн. Ал келди. Жапаркул менен Өмүрбек бала кезинен эле бирге өскөн, коңшу жашашчу, ортолору үч-төрт эле там. Өмүрбек үндөбөй отуруп, анан үйүнөн чыгып жөнөдү, анын артынан эки аял чыгып, алыстан акмалап отурушту. Ошол кезде Урматкан менен Калима бирге отурган, алар Калиманын үйүндө болчу. Өмүрбек эки жагын карана кирип келди:

- Кайда бардың? - деди Калима Өмүрбекти карай.

- Жумуш издедим.

- Таптыңбы анан?

- Жок, таппай койдум, сен иштеп турсаң табам да, - деп үшкүрүнө отуруп калды.

- Жапаркул жоголду, ал дагы жумуш издеп жүрөбү? - Урматкан мыйыгынан жылмая Өмүрбекти карады.

- Билбейм аны.

- Баягы кыялдар бүгүн жок деп кача баштадыңар го ээ? Мен ошондо эле айткамын, чыдай албайсыңар, балдарды таштап чыгып кетип, чыдай албай кайра үйүңөрдү эңсеп, сагынасыңар деп.

- Койсоңчу Урматкан, кеткен жерибиз жок го, Калима бирди төрөп берип койсо эле болду го? - деп кызаңдай караганда, Калиманын ачуусу келип:

- Балдарыңды бага албай жатасың, мен төрөгөндө жыргатмак белең?! Койчу ай силерди, аял көрсөңөр жантыгыңардан жата калган неме экенсиңер, - деп кагып жиберди, - Баланы баладай кылып бакпагандан кийин баланы күтүп эмне кылат экенсиңер?

Ошол убакта сыртта тыңшап турган Шайыр менен Гүлзана кирип келди. Өмүрбектин жүзү бозоро ордунан тура калды.

- Отур, отура бергиле, биз мындай эле жумуштап келе калдык эле, - деди Гүлзана.

Шайыр экөөнүн ачуусу келип, тигилер көрсөткөн орунга отуруп калышты.

- Кандайсыңар сиңдилер, биз экөөбүз дагы бойдокпуз, көңүл ачкыдай бирдеме кылалы деп эле келгенбиз, - деп Шайыр Урматканды карады, - Таанышып алалы, менин атым Шайыр, курбумдуку болсо Гүлзана.

- Мен Урматкан.

- А мен Калима.

- Жакшы-жакшы, бойдокторду чогултуп, бир жакшылап көңүл ачсак дедик эле, жалгыздык жаман экен.

- Ооба-ооба, - деп баш ийкегиледи Урматкан.

Өмүрбек башын шылкыйтып отуруп калганда, Шайыр ага карады:

- Бу жигиттин деле атын уксак боло, же биз менен таанышкысы келбей турабы?

- Аты Өмүрбек, бул менин жолдошум, - деп Калима анын ийнине колун койду, - Жакшы жигит.

- Жакшы экен, эмне силер жөн эле отурдуңар беле? Биз курбум экөөбүз эс алганы чыкканбыз, чогуу чыгалы, сенин да күйөөң барбы же жигитиң барбы? - деп Урматканга карады Гүлзана, - Бизде эки жигит бар, тоого чыгып келели.

- Бар, кечигип жатат, бирок мен бүгүн эч жакка баралбайм, үйдөгү балдарым жаш.

- Ушунча таанышып калдык, эми бир күндөн эчтеке болбос, - деп жылмайганда, сырттан Жапаркул кирип келе жатып эле, токтоп калды, - Аа-а, ушул жигитпи? Жакшы болду, чогуу ойноп келели, - дегенде Жапаркул эмне болуп жатканына түшүнбөй Өмүрбекти караса, анын башы шылкыйып отурат.

- Сен эмне туруп калдың, бизди конокко чакырып жатышат бу курдаштар, барабызбы же жокпу? - деп Урматкан Жапаркулга карады, - Кечигип кайда жүрдүң?

- Иштер чыгып калды.

- Оо-ой, силер абдан бактылуу экенсиңер, күйөөңөрдү текшерип, биз экөөбүз тең күйөөлөрүбүздү минте албайбыз, эми ойношторубузду тим эле кетирбей кармап жатабыз, - деп Гүлзана менен Шайыр бири-бирин карап күлүп калды.

- Күйөөнү ким ушинтмек эле, ойноштор ошентип байланат да, - деп Калима сөзгө кошулду.

Өмүрбек менен Жапаркул кандай кылаарын билбей, оозуна талкан сугунуп алгансып, алдыртан бири-бирин көз кыйыктары менен карап отура беришти.

- Машина бар, тез эле келебиз, - деди Шайыр, - Күндүн эртесинде барып кайталы, жүргүлө, - деп ордунан турду эле Гүлзана:

- Мен керектүүнү алып келе калайын, сен отуруп тур, даяр болгула, - деп чыга жөнөдү.

Шайыр жанынан карыш чыкпай, тигилерди сүйлөштүрбөй алаксытып жатты. Бир кезде Гүлзана такси кармап келди. Тамак ашты алып алган.

- Бизде деле бар, алып алалы, - деди Урматкан оюнда арамы жок эле.

- Мейли, карын тойсо, көңүл жай болот, болгула тезирээк, - деп Гүлзана айтканда, Калима менен Урматкан ашканадан арактарын, дагы чийки эт алып чыгып таксиге салышты. Чак түштө суу жээктей кеткен жол менен өйдө карай кетип баратышты. Таксистке акчасын төлөп, дагы бир жигитке ачык айтып, ээрчитип алышкан. Москвичке эптеп сегиз адам тыгылып кетип жатты. Өрүүлөп барып, суу жээгине токтотушту да, көйкөлгөн көк шиберге отура кетишти. Шайыр менен Гүлзана дегеле сыр бербей шарактап, өз жигиттерине сүйлөп коюп отурушту. Бир аз кызыган соң, оңтоюн таап туруп, экөө ала келген уйкунун дарысын эзди да, стаканга куюп, төртөөнүн алдына койду. Эч нерседен капары жок Калима кызып калганга, өзүнөн чоочуркагандай оолактап калган Өмүрбекти карап:

- Бүгүн башкачасың да жаным, жүрөгүң ооруп турса, колу-жолуң бо-ош, андан көрө бүгүн акыркы жолу кабагыңды ачып койчу! Мен сени башында айткамын, мени да кыйнаба, өзүң да кыйналба-а, - деп сүзүлө стаканды кармады, - Силер менен таанышып, даамдашып, отурганыма кубанычтамын! - деди да алып ийди.

- Ооба Жапаш, мен сени өз эркиңе койдум, алда качан эле биздин жашоо болбойт, азгырба мени, аялың менен балдарыңды кыйнаба дегемин: "бирөөнүн катыны бирөөгө кыз көрүнөт" болуп туруп алдың эле, бүгүн болсо, талкан сугунуп алгансып момпоесуң, мен сенин дартыңды билип турам, ушуну менен бүтүрөлү… - деди Урматкан дагы тигилердин ал-абалына түшүнө бербей эле, экөө алып ийип, эми закускадан алмак болгондо, Гүлзана менен Шайыр дары кошулган суудан бере салды. Берки төрт эркек да чогуу алып ийишти. Аларга дагы эзилген дары суудан берип, өздөрү таза суудан ууртап:

- Силерге да рахмат, көңүлүбүздү калтырбай келгениңерге, ылайым ынтымактуу түгөйлөрдөн болуп жүрө бергиле! - деди Шайыр.

- Биз дагы көңүлгө жаккандар менен жүрөбүз, көңүлгө жакпаганды бир көрүп айдайбыз, бири-бириңерди сыйлап бактылуу болгула! - деп Гүлзана айтканда, Урматкан менен Калима ордунан турмак болуп, жер таянып баратып, үстөмөнүнөн кетишти. Аңгыча Жапаркул менен Өмүрбек дагы отурган жеринде кыйшайды.

- Ушунусу керек эле, силер машинага бара бергиле, - деди Шайыр, анан экөө төртөөнү чечинтип, кийимдерин алды да, машинага түшүшүп, жөнөп кетишти, - Кыйын болушса, дырдай жылаңач болуп, үйлөрүнө кете беришсин, көргөн элге күлкү болсун.

- Экинчи ичпес болушат да.

- Бирөөнүн эрин тартып алган энчисин алды байкуштар. Көрдүңөрбү, биздин эрлерибизде күнөөнүн бары: "ит болдук, мыш болдук" деп келбесе мага кел, - Гүлзана каткырып алды, - Бирок жаман келиндер эмес экен, митаамдыгы жок тура. Өмүрбек менен Жапаркулдун кейпинен байкаса болот эле го?

- Ошону айтсаң ай, дегеле бир байкап коюшкан жок.

- Ойлошпосо керек да, аялдары минтип келет деп.

- Барып урушуп туруп, кууп кетсек болмок.

- Андан көрө ушинткенибиз жакшы болду, эртең эрте турушса, ит эле болот, үстүнө жабаар эчтекеси жок.

- Күйөөңөрдү башка аялдар менен көргөндө, кызганбай кантип отурдуңар? - деди айдоочу.

- Кызгана турган эчтекеси калган эмес!

- Ошо да, мунун алты баласы, менин үч балам бар, ушуларга короткон кайран нерв, - деди Гүлзана каткыра.

- Азамат экенсиңер, силерди бир сыйлап койсок кантет, каршы эмессиңерби? - деп айдоочу аларды сынай карады, караңгыда өң-түстөрү көрүнбөсө дагы, бурулуп караган болду.

- Өлүп кетсин бул дүйнө деген тура бизди сыйлай турган бирөө болсо, аяган жан жок! - деп Гүлзана каткырып калды. Ал жанындагы жигитке тийишкиси келе, - Ансыз деле Өмүрбек менен Жапаркулдун ичтери күйүп калды, эркектер өз күнөөсүн билбейт да.

- Шерменделер, ошентип шерменде болушсун, көздөрүн ачып, жылаңач экенин көргөндө бир өлүшсө экен, - Шайыр табасы кана ачуусу келе айтты, - Ээн талаада кантишээр экен эми.

- Кыздар, келгиле эми таанышып алалы, менин атым Казакбай, бул жигиттин аты Курманбек, эми бир жерге барып чайлашалы, районубуздун көрүнүктүү столовою бар, ошого айдайын ээ? - деди Казакбай.

- Сиздин эркиңиз, - деп койду Гүлзана.

- Биз эми сизди кантип айтмак элек, уят го уялып жатам, күйөөмдүн кылыгына өчөшүп, сиздерге кабылып, - Шайыр актана сүйлөдү.

- Эч нерсе эмес.

- Чайлашып кенен сүйлөшкөндүн эмнеси айып? - деди Курманбек сөзгө аралашып, - Киши сүйлөшкөнчө, жылкы кишенешкенче деген го?

- Аныңар ырас дечи, жүр дегенге эле макул дегенибиз одонолук болуп калды.

Алар сүйлөшкөнчө машина Айзат кафесине бурулуп токтоп калды, жол боюндагы кафеде бир топ эл бар экен, төртөө бир орундукка барып отурушту. Казакбай заказ тамак менен бирге бир бөтөлкө арак дагы алдырды.

- Келгиле эми, Шайыр, Гүлзана, турмушта адам күтпөгөн окуялар боло берет, андан көрө кээ-кээде көңүл ачып койгон да жакшы болот, - деди Казакбай, - Кана бүгүнкү жакшы күн үчүн, ушуну алып коелу.

- Алып коюңуздар эми, сиздердин жигитиңиздер болуп, көрүнүп койгонго, көргөн кезде мушташып, жүрбөсөк болду: "кымыз ичпесек да, кыйгыл суу ичкендей болуп", - жаныңыздарда отуруп көңүл көтөрүп коелу. - Курманбек келиндерди карап, жымыңдай күлүп койду.

- Кечирип койгула, капысынан ачуубуз келгенде, эмне кылганыбызды билбей калдык, - деди Шайыр, - кечирип койгула эми…

- Ыза - адамды жаман кылат экен да, дагы ызы-чуу кылбай, тынч кана жылаңачтап таштадык. Эсинен кеткис болду го?

- Жапаркул менен Өмүрбекти эми, алар кесек менен келтектеп кана кубалашат, - деп күлдү Гүлзана.

- Кана, силердей эрки күчтүү аялдардын денсоолугу үчүн ичели!

- Сиздер үчүн, жалпы эл ичинде аман бололу, - дешип алып жатты.

- Сиздерге дагы рахмат, ушинтип бизди сыйлаганыңыздарга.

- Денсоолугуңуздар чың болуп, үйбүлөңөр менен тынч болгула, - дешип шарактап отуруп Шайырга көзүн агыткан Казакбай анын жанына жакындай отуруп, колдорунан кармалады:

- Силердей сулуу, назик кыздардай келиндердин көзүнө чөп салган күйөөңөргө наалат, - деди тийише.

- Эми ар бир иш кудайдын буйругу менен дечи, ошентсе да адам экенбиз таарынып, капаланат экенбиз да.

- Сиздин күйөөңүз да кетип калганбы? - Курманбек Гүлзанага ыктай сурады. Казакбай дагы алдырды, төртөө кызып калды, андан кийин машинага отуруп алып, дагы бир бөтөлкө ичишти, Алдында Шайыр менен Казакбай, арткы орунда Курманбек менен Гүлзана, шыбырашып сүйлөшүп жатып, кыткылыктаган үндөр угулуп жатты. Бир топтон кийин Курманбек Гүлзананын кулагына бир нерсе деп шыбырады эле, ал жерге түшүп кетти. Экөө ары жакка кетип калды.

- Шайыр, мен сенин айтканың менен болом, мындан ары жолугушуп туралы, - деп Казакбай келиндин мойнуна колун артты.

- Күйөөм келип калса, урушуп жүрбөсүн? - Шайыр наздуу күлдү.

- Урушпайт, өзү күнөөлүү болуп, зорго келээр, келбесе келбей да калаар…

- Келбесе да көрөбүз, чынында муздап калат экенсиң, ичиңди муздатып коюп, кайсы бети менен келет десең, келе албаса жолдо калат да, балдар үчүн баарын көтөрүүгө кайыл болуп да кетем, алты бала оңойбу, төрт уул, эки кыз.

- Кайгыра бербе, сендей келиндер жерде калмак беле? - деген Казакбай келиндин көйнөгүн түрүп, аста гана өпкүлөп, чоочутуп албагандай болуп, өөп жатканда дароо эле Шайырдын көзү жумула, тигинин колдору келиндин мойнуна асылды, экөө ошол отурган эле жерден махабат оюнунун кыска түрүн бүтүрө салышты. Казакбай дүүлүгө, - Сен аябай кылыктуу экенсиң, жанымды сууруп алайын дедиң, кантип күйөөң кетип калды? - деди сөз арасында.

- Күйөөм экөөбүз жакшы эле болчубуз, билбейм эмне болгонун, - деди Шайыр шыңк эте.

- Сенден да өткөн кылыгы бар болсо керек, кылыгың кытай шайы эле деп, акындар бекер жазбагандыр…

- Ким билет?

- Шайыр, менин суроомо жооп бересиңби?

- Кандай суроо?

- Жолугушуп жүрөлү деген.

- Ойлонуп көрөйүн ээ?

- Деги мен жактымбы? - Казакбай келинди эки бетинен өөп алды, - Сен мага жактың.

- Жаккан жакпаганда эмне, биз үйбүлөлүүбүз да.

- Аның туура дечи, бирок кимдер так өткөн экен? Жүрөгү бар пенде сүйбөй жашай албайт, сүйүү жаңырып турса гана адам ошондон рахат алат, жашоо мыйзамы ошондой…

- Сиз аялыңызды кызганасызбы?

- Жок.

- Эмнеге?

- Ал үйдөн чыкпайт, үлпүлдөгөн аялым бар, чыкса мени менен гана конокко барат, болбосо үйдөн чыкпайт.

- Сулуубу?

- Ошондой го, өз баасын билет.

- Ыраспы?

- Ырас, өзү көп адамды жактыра бербейт, анча-мынчалар таптакыр көңүлүнө жакпайт.

- Бактылуу экенсиз аялыңызга ишенген.

- Өзүм дагы ошондой ойлойм.

- Кут болсун.

- Айтканың туш келсин, - Экөө көпкө чейин ойношту, кучакташып алып, отургучтун үстүндө кычырата шыбырашып, оонап жатып, анан өйдө болушту.

- Шайыр, - деди көптөн кийин Казакбай.

- Эмне болду?

- Макулдаштыкпы?

- Көрөбүз го?

- Так жооп берчи.

- Эртең жолугабыз, ошондо айтам.

- Ырас келесиңби?

- Сөзсүз.

- Анда ишенем, - деп чоп эттире өөп койду.

- Ой сүйүүнүн гүлү керемет! - деп Курманбектин үнү угулду.

- Кайда кетип калдыңар?

- Мындай эле сүйлөшүп келдик.

- Иши кылса кыялдар келиштиби?

- Эптедик.

- Азамат, кыялдар бири-бирине төп келишсе, башкасы эчтеке эмес.

- Өзүңөрчү?

- Биз деле келиштик.

- Жакшы анда.

- Кеттикпи эми? - деп сурады Гүлзана.

- Жөнөдүк, рахмат силерге сулуу келиндер, сунушубузга макул болуп, бир аз отуруп бергениңерге, буйруса келерки жолугушканга чейин, - деп Казакбай жымыя, машинасын ордунан жылдырды…

Жапаркул көзүн ачып, үшүп калганынан сыйпалап караса, төшөнчү эмес, чөптүн үстүндө жатканын сезип, ордунан ыргып тура калса, жанындагылар бүт томурайып, жыпжылаңач жатышат. Чоочуп кетип эки жагын караса, кийим-кечелери көрүнбөйт. Алдастап кетти, жанындагы Өмүрбекти түрткүлөп:

- Өмүрбек, Өмүрбек дейм, тур өйдө! - деп жатканда, Урматкан менен Калима да ыңгырана ойгонуп, ичиркене көздөрүн ачып тура калып, эки эркектин да дырдай жылаңач экенин көрүп бакырып ийишти.

- Аа-а!

- А-а-а! - деп көздөрүн басып, отуруп калганда, Өмүрбек менен Жапаркул эмне кылаарын билбей чөптөрдөн жулуп, уяттуу жерин жаап, отуруп калышты.

- Кайда биздин кийим? - Урматкан Жапаркулду карады.

Таң жаңыдан агарып, жерге жарык кирип калган эле.

- Кайдан билем, бизди ким тоноду өзү?

- Баягы аялдар болуп жүрбөсүн? - Калима делдейе аларды карап, кайра бүткөн боюн далдалаганга эчтеке таппай сыйпалады.

- Алар эмнеге тономок эле, ушунча ичтикпи, эчтеке билбей калганча.

- Анча деле мас болгон жок элек.

Эки аял ушинтип жатканда, Жапаркул менен Өмүрбек ким жасаганын билип турушса да, үн дебей көздөрү менен арбашып отура беришти.

- Эми кантебиз ыя.

- Кайдан билем.

- Ай силер эмне жалдырайсыңар, бир айласын тапсаңар боло, шерменде болдук, ушу силерге жолукканы дегеле жыргаган жокмун! - деп Калима ыйлап ийди, - Бирөө жарым көрө электе бирдеме кылгыла эми.

- Эмне кылабыз, өзүбүз деле башыбыз маң болуп отурабыз го? - деди Жапаркул күңкүлдөй.

- Эмне кылабыз, эмне кылабыз деп коет, эми кантебиз ыя, кайда барабыз, экөөң эркексиңерби, бир айласын тапкыла!

- Ушу бойдон кайда барам мен?

- Эмне кыла алам?

- Сен бир жакка бар да, жамынчудай бирдеме таап кел, болбосо, азыр эл көрсө өлбөдүкпү?

- Эмне таап келем, ушул бойдон кайда барам?

- Суу жээгин карап келгиле!

- Муну ким жасашы мүмкүн, ай ушулар силер үчүн болуп жүрбөсүн? - деп Калима экөөнү карады. - Балким жанагы аялдар силердин аялыңар чыгаар. - Калима кечээги күндү, келген аялдарды көз алдына келтирип алып, Өмүрбекти муштагылап кирди, - Акма-ак, сенин аялың бирөө менен менин үйүмдү таап келип, атайын уюштургандыр?!

- Ырас эле ай, болбосо кимдин колунан келет, экөөнүн аялы бизди шерменде кылмак болгондур? - деп Урматкан Жапаркулдун жанына жетип, карыдан кармап, өзүнө каратты, - Ай талкан сугунуп алгансыбай айтпайсыңбы?

- Азыраак ичпейт белеңер анан?

- Аялың беле дейм?

- Жо-ок, тааныбайм аларды.

- Анан кайдагы аялдар алар?

- Кечээ сурап албайт белеңер?

- Үйгө өздөрү келип, шыпылдап жатышып ошолор кылды.

- Ой ким кылса, ошол кылсын, бир айласын таппайсыңарбы, суу жээгин карап келгиле эми, үйгө караңгыда кетебиз го, бул кебетебиз менен.

- Ага чейин эмне кылабыз?

- Бирдеме ойлоп табыш керек, - деп эки эркек орундарынан туруп, суу жээгин көздөй жөнөштү.

- Энеңдурайындар, бизди жайлашты, эми кантебиз? - Өмүрбек Жапаркулду карады.

- Кайдан таап алышты экен?

- Билбейм, кечээ ачык айтап эле, ээрчитип кетип калсак болмок экен, алар табалап кетишти го?

- Мен баары бир барбайм.

- Барбасаң кой эмне кылабыз деги?

- Билбейм, - Экөө чукулдашып, суу боюндагы жапалак талдардын арасын издешти, эч нерсе көрүнбөдү.

- Өлтүрдү энеңдурайындар.

- Чынында, экөөбүздүн аялдарыбыз экенин билсе, булар да кубалайт, талаада калбасак болду…

- Тынч эле жүрө берсек болмок экен.

- Ошондо кантет элек?

- Менин Шайырымды билесиң, тынч жүрсөм деле башты оорута берет, ошого өчөшөм деп, ушуну көрүп отурам да.

- Гүлзана деле ошондой, катындардын баары ошондой, энеңди урайындар десе, эми мунусун карабайсыңбы? - Жапаркул менен Өмүрбек, тал түбүнө келип, отуруп калышты.

- Тигилер кайда кетти ыя? - деди Калима суу жакты карап.

- Кайдан билем, келет да, кайда бармак эле?

- Ушинтип отура беребизби?

- Анан эмне кылабыз, эптеп үйгө барсам, ушуну көрөйүн деген көзүм калбай калды, киргизбейм үйгө.

- Киргизбей коюш керек, мен дагы киргизбейм.

- Эми кетишти айт, кантебиз?

- Билбейм ай, өлдүк-өлдүк.

- Эптеп кечке жашынып отуралы.

- Каякка?

- Бадалдын арасына да.

- Жүрү анда, тиги шүмшүктөр дагы ошол жакка жашынды окшойт?

- Өлүп кетсин? - деди да Урматкан өйдө туруп, экөө суу жээгиндеги майда бадалды көздөй жөнөгөндө, жолго машина токтогондой болуп, отура калышты. Ошол кезде, машинадан түшкөн Шайыр менен Гүлзана бери көздөй келе жатып, тигилерди көрүп:

- Ай-ий силерге эмне болду ыя, ушундай дагы ырахаттуу дүйнөнүн кызыгы болобу, кандай бактылуусуңар?! - деди Шайыр экөөнө жакындап.

- Кандай сонун керемет эле, мындай ырахатты сен экөөбүз көрө элекпиз го, чиркин ай, жигитиңердин доорун сүрүп жаткан экенсиңер? - деди Гүлзана, - Ай Калима, жигитиңер кайда кеткен?

- Ай-ий силер эле кылдыңар, бизди уктатып коюп…

- Эмне дейт, силерди биз эмне кылдык? - деди Шайыр менен Гүлзана жарыша.

Ошол кезде ар жактагы бадалдын түбүнөн Жапаркул башын чыгара, сөгүнүп кое берди:

- Ой эн-неңди урайын десе, башты оорутпай кийимдерди алып келгиле!

- Кийимдин кереги эмне силерге, абийириңер бар беле, абийири жок силерге ушундан өткөн жаза жок! - деди Шайыр аңкылдап, - Сага кийим керекпи?

- Оозуңду жап! - деп үнүнүн барынча айкырды Өмүрбек, - Сенин шишиң толду, кийимди алып кел да, көзүмө көрүнбөй жогол!

- Жоголгонду кой, азыр сени дал ушул бойдон таксиге салып алып кетем, жазаңды берем! - деди Шайыр аңкылдап.

үн ката албай бүрүшүп отурган Урматкан менен Калима шыбырашып жатты:

- Көрдүңбү, экөөнүн аялы тура, биз маң баш экенбиз байкабаган, өлдүк, эгер азыр кийимим болгондо, чачташып, өлбөгөн жерде калмакмын, - деп Калима Урматкан уга турган кылып айтты.

- Ошону айтпайсыңбы, сен экөөбүздөн башка болгондо кечээ эле тепкилеп туруп, эрлерин кошоктоп кошуп берип коймок.

- Азыр баскыла, ошол бойдон силерди эл алдында шерменде кылабыз. Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат болуп, дагы сөгүнүп коюшканын! - деген Шайыр Урматкандарды көздөй келе жатты, - Турбайсыңарбы, эр бузуп, ойнош ойногон ушундай болот, тургулачы бир көрөлү, бизден каериңер ашык экенин көрөлү, - деп экөөнө жетип, Калиманы колунан тартканда, Урматкан шамдагайлык менен тура калып түртүп ийди.

- Ашык жерибизди көргүң келеби, жүрү мен сага сайга түшүп туруп көрсөтөйүн! Эриңерди эптеп кармай албай тытынган катындардын кемчил жери көп болот! - деп Шайырды сүйрөп жөнөдү эле, Гүлзана жетип келип:

- Эй шерменде, кое бер азыр, ушул кебетең менен жолго сүйрөп чыгам! - деп ал бери тартты.

Калима дагы уятты унутуп, жетип барып, Шайырды ыргыта түртүп:

- Көзүңдү кара акмак, эриңерди биз кармаган дагы жокпуз, адегенде эриңерден сурабайсыңарбы, силердин эриңерди башыбызга урбайбыз! - деп төртөө жулмалашып калганда, Жапаркул менен Өмүрбек алардын жанына барып, аларды бөлүп:

- Силер оозуңарды жабасыңарбы же бирди көргөнү турасыңарбы? - деди Өмүрбек Шайырды колунан тартып.

- Эн-неңди урайын айбан, балдарды багып, үйдө отура бербейсиңби, бас азыр сени үйгө алып барып, көрсөтөм! - деп Жапаркул өз аялын сүйрөдү.

- Жалаптарды балдарга айрыбаштадыңбы, бул жалаптардын силерден башка көрбөгөнү жок дейсиңби?

- Эй жалап, мага асылганды коюп, өзүңдү карачы, кечээги ойношторуңду айтчы, аял сенсиңби, эркек деген ойнойт, эри жок бизге кудай да жол берет, биздин сообубузга калат! - деп Урматкан бакырды.

Жапаркул аялын булкуп, үстүндөгү жемпирин чечип алды. Экөөнү эми чечинтмек болгондо, Шайыр күйөөсүн бет талаштыра тээп жиберди:

- Кое бер, мен сенин жалабыңча жолдо жүргөн жокмун. Силерди талаадагы жапайы кишидей гана кылбасамбы?!

- Оозуңду жап энеңди! - Өмүрбек бетин баса отуруп калды.

- Сага ушул гана керек, талаада өлүгүң калсын!

- Сени өлтүрүп, карга-кузгунга жем кылбасамбы? - деп Өмүрбек келип, тээп калды.

Ошол убакта экөө бири-бирин чачтан алып, тепкилешип калганда, беркилер арасына түшүп, ажыратып кирди, Гүлзана ары жакка басып кетти, анын артынан Жапаркул жүгүрүп жетти:

- Токто, ушул бойдон таштап кетесиңерби, кийимдерди алып кел!

- Мен сенин кийимиңди кайдан билем, өлүктөй уктап калсаңар, бирөө тоноп кеткендир да.

- Калп, силердин кылганыңар, жинимди келтирбей кийимдерди тап!

- Сага таап берем, үйгө кетесиңби?

- Ооба, ушул жерден бирге кетем, - Жапаркул аялын эптеп алдап, кийимин алмак болду.

Гүлзана бекитип койгон кийимдерин алып келди да, Жапаркулга берип:

- Кийимиңди кий дагы, мени менен үйгө жөнө, эгер барбайм десең тиги жалабыңды азыр таш менен жанчып өлтүрөм! - дегенде, Жапаркул шашыла кийим-кечесин кийинип алып, беркилерге келди.

Алар дагы эле ызылдашып жаткан. Жапаркул алардын кийимин берип, өзү Гүлзанага карады:

- Эми сыйың менен кет, мен түштөн кийин барам, - деди.

- Барбайм, сени алып, анан кетем.

- Менин жиниме тийбе, андан көрө жөнө азыр.

- Барбайм дедимби барбайм!

- Анда отура бер, биз кетебиз, - Жапаркул Урматканга карады, - Биз кетели, сен мени менен кетесиң, - деп колунан кармаганда, Гүлзана бакырып ийди:

- Азыр экөөңөрдү тең өлтүрөм, балдарыма каратпай башын имерип алган жалап менен сени бир көргө тыгам! - деп айкырып келип, Урматканды колунан кармап чачтамак болгондо, ал аны түртүп жиберди:

- Жоголчу көзүмө көрүнбөй, эриңдин мага кызыкчылыгы да жок! Алың жетсе, азыр алып кет, болбосо, салпайып кете бер!

- Жала-ап, - деп кыйкырган Гүлзана жерден таш алмак болгондо, Жапаркул ага жетип, жаактан ары чаап-чаап жиберди.

- Оозуңду жабасыңбы же жокпу?

- Жаппайм, сен азыр мени менен кетесиң, болбосо ушул жерден өзүм өлүп берем!

- Өлө бер, балдарды өзүм багам! - деп Гүлзананы Жапаркул түртүп ийди.

Ал үстөмөндөп жыгылып кетти, Урматкан жолго чыгып бараткан, Өмүрбектер андан бетер урушуп-чабышып жатты.

- Эй бетбак, бирөөнүн эри сага эр болуп береби, бүгүн сени менен болсо, эртең кайра барат, алты баланы сага айырбаштамак беле? - деп Шайыр ажылдап жатты.

- Эриңдин мага кереги да жок, азыр алып кет, - деп Калима ары көздөй басты.

Өмүрбек Калиманын артынан басканда, Шайыр ага жетип колунан тартты:

- Эмне дегенин уктуңбу, бас кеттик!

- Барбайм, сени менен мен биротоло кеткем, артымдан ээрчисең азыр жыга чабам! - деп Өмүрбек анын колун силкип жиберди.

- Өлтүр, өлтүрүп сал азыр, ушу сенин колуңдан өлүп калганым жакшы! - деп жармашканда, кайрылып туруп кулак түпкө бир чапканда, көмкөрөсүнөн жыгылды.

Ага Гүлзана жетип барып тургузуп, бири-бирин сооротуп жатты. Беркилер жетелешкен бойдон кетип жаткан, Шайыр ыйлап жатып:

- Ылайым жакшылык көрбөгүлө, бириң эки болбосун, аягың куурап, туягың канабасын, түшкө жетпе, түшкө жетсең, күзгө жетпе!!! - деп кыйкырып жатканына карабай жолго чыгып кетти.

- Болду ыйлаба, каргышы кара башына, биз деле ойноп-күлүп жүрө беребиз, өлүп кетпейби өлүгүңдү көрөйүндөр, кетпесе эрлерин биз эмне кылалы? - деп каргышка ыйлап жаткан Калиманы Урматкан сооротуп жатып, Өмүрбектерге карады, - Силердин кылганыңар, канча жолу айттык, кеткиле, балдарыңар бар экен деп, кандай жаман сөз угузуп жатасыңар бизге?

- Койгула эми, биз силер деп турабыз го, алар эми басып келбейт, силер менен гана калабыз, - деди Өмүрбек.

- Энеңдурайындар десе, кайдан да келе калышты десең, көргөндө бир балакетти баштаарын билгем, - деди Жапаркул күнөөлүүдөй.

- Баарын баштаган силер да, болбосо бул балакет жок тынч жашамакпыз, ким эле койнундагы эрин тарттырып ийип жөн кала берсин? Булар муну менен тынчыбайт, дагы бирдеме кылбаса болду, өжөр немелер экен, - деди Калима.

Аңгыча Шайырдын үнү угулду:

- Ээй шуркуялар, бир күнү салынды болуп каласыңар: "Ойнош оттон ысык, кала берсе, боктон сасык" болосуңар! Шашпагыла шуркуяла-ар!

- Жалаптар! - деди Гүлзана дагы, - Шуркуялар, жексурла-ар!

- Оозуңду жап эй, кыйын болсоңор алып калгыла, болбосо арыңардан өлүп тынгыла, - деп жооп кылды Урматкан, - Салындыла-ар, арсыздар, ушундан көрө үйүңөрдө отурбайт белеңер!

- Ары болсо келбейт эле да, шерменде болуп кала бергенден көрө, салынды болдуңар го? - деди Калима дагы бурулуп.

- Тим койгула, азыр такси тособуз, - Жапаркул Урматканды колтугунан тартты, - Жүрү кеттик, жаным.

- Таксиге жарты тыйыныбыз болбосо кайдан тособуз, баарын катыныңар жайлаптыр, - Калима жини келе алдыга басты.

Өмүрбек колтуктаса дагы түртүп коюп кете берди. Шайыр менен Гүлзана отурган жеринде кала беришти:

- Уйкунун дарысын бербей эле, өлө турган кылсак болмок экен. Минтээрин билгенде кайра келбей койбой, тигилердин алдында уят болдук, эл укса эмне дейт, кантип үйгө барабыз? - деди Шайыр Гүлзанага.

- Барбаганда эмне, барабыз эле, үстүбүздө үйүбүз, астыбызда ашыбыз бар, ким билиптир мындай болоорун? Балдар менен ойноп-күлүп оокатыбызды кыла беребиз.

- Жок, буларга бир нерсе ойлоп табышыбыз керек, үйүнүн алдына дуба таштап коюп, же өлбөй же адам болбой, азап тарта турган кылыш керек.

- Сөзсүз, туура айтасың курбум, буту шал болуп, жалдырап жата турган оору кылабыз, - деп экөө ойлогон ойлоруна кубана ордуларынан турушту да, жолго чыгып баратып, тигилердин карааны көрүнбөгөндүктөн, - Шуркуялар десе, кетип калышкан экен, кайда кетишти ыя?

- Кайда барса, ошол жакка кетсин, эми өлсө өлүгүн киргизбейм, барса балдары барат, - деди Шайыр, - алты баласын ата-энесине жеткирип коем да, өз билгенимди кылам.

- Мен дагы, баласынын кылыгын али айта элекмин, кайнатам укса, камчы менен сабап келет.

- Канчага чыдашаар экен…

- Билбейм, керек болсо биз ушулардан кембизби, күйөөгө тийип алабыз, ошондо көрөм буларды, же үйдөн жок же балдардан жок талаада калышат, - деп сүйлөшүп отуруп, жолго чыгышты да, өтүп жаткан машинага кол көтөрүп жатышты.

Экөөнүн тең кабагы салыңкы, жүрөктөрү ачышып ооруп, ойношторунун көзүнчө сындырганына ичтеринен ызаланып ар түрдүү ойлорго берилип, жолдо көздөрүнөн жаш чыгып кетпей, араң чыдап турушкан эле…

***

Арадан үч жыл өтүп кетсе да, Гүлбүнүн боюна болбоду, бирок Исабек Мусаевич анын төрөбөгөнүнө кайыл болуп жашап жүрө берди. Ал ортодо, башка келин-кыздар ага чимирик айланып турган учур эле: "Күлүк күнүндө, тулпар тушунда", - дегендей түштүгүнө жорго минип турган кези эмеспи. Гүлбү болсо толуп, ини-сиңдисин эл катары мектепке окутуп, кийим-кечесин даярдап берип турат. Атасы Турдубек жакында эле үйлөнүп, сарайда жашайт. Мал өзүнүн менчигине айланган. Каалагандай пайдаланат, дос-жоро күтүп, бакыйып калган. Гүлбүдөн көңүлү тынып, жаш аялы менен мамыр-жумур жашайт. Исабек Мусаев жумушунан эрте келип, Гүлбүнү кучактай эки бетинен өөп:

- Эркем менин, зериккен жоксуңбу? - деди жылмая.

- Жо-ок.

- Мен кызматтан кеткени калдым.

- Эмнеге?

- Чүй облусуна акимчиликке чакырып жатышат.

- Качан кетесиң?

- Бир жума ичинде чечилет го?

- Чогуу кетебизби?

- Мен барып, ишке орношуп, үйдү даярдап, анан келип алып кетем, ага чейин сен туруп турасың.

- Макул.

- Таарынбайсыңбы, эркем?

- Жок, - деп Гүлбү андан бошонуп, ичкери карай кирди.

- Таарынып калдың го? - деди артынан келип, креслого отуруп, Гүлбүнү алдына отургузуп алып, - Жумуш ошондой, бир күнү аякта, бир күнү биякта дегендей.

- Таарынган жокмун, биротоло таштабасаң болду.

- Эмнеге?

- Корком, жумушуңа байланыштуу ар жерге барганда, аялдар менен жашап кете беришет дейт го чоңдор.

- Ким айтты?

- Элдер.

- Калп.

- Көзү көрбөгөндү кантип айтышмак эле…

- Айта берет

. - Ырас эле алып кетесиңби?

- Сөзсүз алып кетем, эгер сени таштап кете турган болсом, арам оюм ичте турса, ошончону сен үчүн жасамак белем?

- Эл айтса, ойлонот экенсиң да.

- Ойлонбо эркем, биз кө-өп көп жашайбыз, сен төрөп берсең балабыз болот, сенин колуңду сууга тийгизбей багып алам, - деп өөп койду эле, Гүлбү кыткылыктап күлүп жатты.

- Мен төрөйүмбү андан көрө?

- Төрөйсүң, али жашсың да.

- Ооба дечи, бирок… - Гүлбү заматта ойлуу тартып кетти.

- Эмне бирок?

- Төрөбөй калсамчы?

- Төрөйсүң, эч коркпо, азыр сен жыйырмага зорго чыктың, шаарга баргандан кийин окутуп коем.

- Чынбы?

- Чын.

- Иним дагы окуусун бүтүп калды, мени эмес ошону окутуп койсоң болду. Жумагүл да чоңоюп баратат, мен үчүн ошолорду адам кылууга жардам берсең эле ыраазымын, мен болсо, сенин гана эркең болуп жүрө берейин ээ?

- Ма-акул эркем.

- Унутпайсыңбы убаданы?

- Жок, эч качан.

- Ыраазымын…

- Эркем менин, асылкечим-ардагым! - Моюнунан жыттап, туурасынан көтөрүп алып, спальныйга алып барды. - Эркем менин, жарпымды жазаарым, чарчасам эс алдыраарым, көңүлүмдү ачаарым, - Келинди оролто кучактап алып, ооналактап жатты, - Сен менин акыркымсың…

- Менин биринчим дагы, акыркым дагы өзүңсүң.

- Эркетайым, жаным менин, - деп экөө ооналактап жатканда, телефон чырылдап калды.

Исабек ошол бойдон туруп барып, трубканы алды.

- Ало угуп жатам, аа-а макул-макул, сөзсүз барабыз, рахмат-рахмат, - деп трубканы коюп, бери басканда, Гүлбү төшөк менен жүзүн басып алды.

- Ким экен?

- Конокко чакырып жатат, эртеңкиге барабыз, а эмнеге бетиңди жаап алдың? - деп жанына келип жатып бетин ачты, - Уялып жатасыңбы?

- Ооба.

- Эмнеге?

- Эркек кишинин жылаңачы жаман экен.

- Койчу, андан көрө сенин ууздай аппак денеңди көргүм келип жатат, кана-кана? - деп төшөктү ачып, жаш келиндин денесин сыйпалай өп-өөп, - Ушул денең меники ээ жаным, эч кимдин колун тийгизбейсиңби, мени башкага алмашпайсыңбы? - деди жанталаша эргип.

- Кытыгым келип кетти.

- Эчтеке эмес, сен жалгыз гана меникисиңби?

- Ооба.

- Ырысым десе, менин жалгызым, менин эркетайым!

Экөө андан кийин дагы көпкө эркелешип, түнү бою бири-бири менен махабат оюнун ойноп, бири улуу, бир кичүү экени билинбей бир төшөктө оонап жатты.

Исабек Мусаевич ушул түн акыркысы экенин сезбей койнунда жаткан жаш келиндин баелугуна, жаштыгына мыйыгынан күлүп, чалкасынан жатып алып, ойлонуп жатты: "Эгер төрөп берсе, таштамак эмесмин, үч жылдан бери төрөмөк, эми кайдан? Бул үчүн эчтекени аяган да жокмун, менде арманы деле жоктур, көп болсо ызаланып ыйлаар, капа болоор, анан көнөт да", - деп жанында бейкапар уктап жаткан келинди суктана карап, өөп койду.

Эртеси эрте жумушуна кетти, райондук билим берүүнүн башчысы аны конокко чакырып жаткан. Анын кетээрин угуп, өзүн кызматка көрсөтүп, дайындашын күтүп, бир жылкы берген. Эми тай союп, конокко Гүлбү экөөнү тең чакырып отурат. Кечкисин машинасын жиберип, аялын алды да, чогуу Эркебаевдин үйүнө барышты. Эл агартуунун отличниги, көп жылдык эмгек стажы бар, кызматтарда иштеп келген Эркебаев райком кетсе, анын ордуна отурууну облуска чейин барып, берчүсүн берип келген эле.

- Келиңиз аксакал, төргө өтүңүз, - деп кош колдой ийиле учурашып төргө өткөрдү, калыңдап төшөк, көлдөлөңдөр төшөлгөн, куш жаздыктарды коюп койгон. Гүлбү анын катарына отуруп, тартынып сунган чайын алып, алдына койду, - Денсоолук жакшыбы аксакал, жеңемдин денсоолугу да жакшыбы? - деп Эркебаев кызындай келинди жеңем дегенде, Гүлбү ого бетер кысына кызарып кетти.

- Аа-а, жакшы-жакшы, баары жайында, - Исабек Мусаевич керсейе жооп берип, жылмайып койду.

Аңгыча табакка толтура жылкынын эти менен чучук, казы-карта келип, колго суу куюлду.

- Кана аксакал, тамакка караңыз.

- Рахмат-рахмат, - деп Исабек колун табакка сунду.

- Алыңыз жеңе, аксакалдын арты менен биз да буйруса минтип жашап жатабыз, - Эркебаев кошоматтана Гүлбүгө кол жаңсады.

- Аа-а, буйруса облуска телефон чалдым, сени ылайыктуу дешип жатат, эртең жолго чыгам, барып кызмат ордум менен таанышып, анан кайра келем го? - деп оозун толтура эт чайнап, колундагы бычак менен жалдан кыя кесип сугунуп, бир кесимин Гүлбүгө сунду, - Кел алып кой.

- Жеп жатам.

- Уялбай алып отурсаңыз жеңе, биз аксакалдын көлөкөсүндө ушинтип май чайнап жатабыз, аксакал бүгүн-эртең кызматтан көтөрүлсө, биз дагы бир-эки тепкичке өйдөлөсөк деген ой да, - деп Эркебаев эки сөзүнүн бири "аксакал" деп чимирик болуп отурду. Бир кезде коньяк келди, коньяктан Гүлбүгө куйганда ал:

- Мен ичпейм, - деп баш чайкады эле, ага болбой Эркебаев кыстап кирди:

- Кой алып коюңуз, сиз ичпесеңиз, аксакал дагы ичпей коюп жүрбөсүн?

- Конечно, менин сулуум ичпесе, мен да ичпейм, - деп Исабек Эркебаевди карап, көз кысып койду.

Ошентип, бака-шака түшүп, бири-бирине убадаларын аябай берип жатып, тамак желип бүтүп, үйгө жөнөмөк болду. Алар бата кылып, үйүнөн чыкканда, Эркебаев Исабек Мусаевичтин чөнтөгүнө конверт салды.

- Аксакал, муну чай ичип коюңуз.

- Тим эле койсоң болбойбу? - деген менен чөнтөгүнө салган конвертти кайра берүүнү ойлогон да жок, курсант болгондой, карс-карс күлө машинасына отурду.

Эркебаев чучуктан баштап, бышкан эт менен коньяктан кылып салып койду. Үйгө эми киргенде телефондун чырылдагы бөлмөнү жарып жаткан экен.

- Алоо, угуп жатам, - деди Исабек ала коюп, - Да-да угуп жатам, азырбы, макул-макул, түндөп жолго чыгам, жарайт аксакал, - деди да трубканы коюп, Гүлбүнүн эки карысынан кармай минтти, - Эркем. Мен түндөп, шаарга жөнөшүм керек экен, эртең мененки кабыл алууга жетишүүм керек.

- Мейли.

- Эмне, таарындыңбы?

- Жок, жумушуңду түшүнөм да.

- Эркем десе, мени сөзсүз күткүн ээ, - деди дагы эмелеги Эркебаевдин салган конвертин алып, акчаны караса, он беш миң сом экен, - Муну ал, - деп беш миң сом берди, - Мен бир айдай убакытта келем, өзүңө керек болот.

- Сак бол, мени унутпа, телефон чалып тур.

- Ой эркетайым менин, сени кантип унутам, күтүлбөгөн чакыруу болуп калды, болбосо бир жумадан кийин барышым керек эле. Кош алтыным, жакшы тур, көрүшкөнчө, - деди да шашыла чыгып кетти.

Гүлбү унчукпай артынан карап туруп калды. Ал негедир бир айда келем дегенге ичи эңшериле жалгызсырай түштү, кантсе да көнүп калбады беле. Ушул учурда анын оюна окуп жүргөндө, сүйлөшүп жүрүп шаарга кетип окуп калып, ошол жактан үйлөнүп алган жигити Гүлжигит келди. Гүлжигит бардар үйбүлөдөн болчу. Гүлбү менен сүйлөшүп жүргөнүн уккан ата-энеси андан алыстатуу үчүн окууга жөнөтүп, эки жылдан соң үйлөнүп алган: "Эркектер ушундай экен го, эми Исабек дагы мени таштап кетсе кантем? Шаардагы кыздар ошончолук деңгээли жогору болобу, же алар ашыкча сулуу, балким акылдуудур", - деп ойлонуп, жаны жай албай турду.

Эртеси төш тараптагы атасына барып, келмек болуп, чучук менен этти алып, жөнөп калды. Айылдын ортосуна келгенде, жолдон райОНОдо иштеген Туратбек жолугуп калды:

- Ой жеңе, кайда жөнөдүңүз, жөө жалаңдап?

- Атама барып келейин дегем.

- Аксакал жеткирбедиби? - деп мылжыя күлүп калды.

- Ал жок, - Гүлбү сүйлөгүсү келбей, басып кетмек болду эле:

- Кел отуруңуз, райком аксакалдын келинчеги жөө жүрсө көргөн эл эмне дейт? Мен жеткирип коеюн.

- Жөн эле коюңуз, өзүм эле кетем.

- Кой-кой жеңе, аксакалдын көөнү үчүн.

- Эми ал сиздерге аксакал эмес, кызматтан кетип жатат.

- Коюңузчу?

- Ооба, ошондой болду, эми өз жолуңар менен бара берсеңер болот.

- Жо-жок, ошондой болсо да жеткирем, өзүбүздүн кызыбызсың, кадыр-барктуу кишинин келинчегисиң, - деп болбой туруп алды эле, Гүлбү унчукпай келип отуруп калды. Сарайга бат эле жетип келишти, Туратбек келгиче эч нерсе деген жок, түшүп жатканда гана, - Качан кетесиздер? - деди аста.

- Кудай буйруган күнү, рахмат сизге, - деди да өзүн көздөй жүгүрүп келе жаткан Жумагүлдү өөп, - Атам барбы? - деди.

- Ооба, апам деле бар.

- Эмне кылып жатышат?

- Эчтеке.

- Канат кайда?

- Ал үйгө кеткен.

- Аякта эмне кылып жүрөт атама жардам бербей?

- Билбейм.

Аңгыча эки бөлмө чакан үйгө кирип келишти.

- Кел кызым, кел, - деп Турдубек жаткан ордунан тура калды.

- Келдим ата, кандай жатасыздар?

- Жакшы кызым, күйөө бала келбедиби?

- Жок, ал шаарга кеткен, - Гүлбү өгөй энеси Айнура менен баш ийкешип учурашып коюп отуруп калды, анын төрт жашар эркек баласы жанында ойноп отурган, аны эңкейип өөп койду.

- Шаарга эмнеге кетти эле?

- Ата, борборго кызматка которулуп жатат.

- Ой-оой, ооматы келип турган экен! Мейли кыскасы бактылуу бол садага, канча адам суктангыдай кылдың, эркек экен күйөө бала, - деп Турдубек башын кашый аялына бурулду, - Гүкүгө чай кой.

- Азыр, - Айнура дасторкон жайды. Гүлбү алып келгендерин алып чыгып койду эле, Турдубек бакылдай кетти.

- Райкомдун кешигинен го?

- Ооба, - деген Гүлбү болгонун айтып берди.

- Эркебаев чоң үстөлдү каалап калган экен да?

- Иши кылса, Исабектин ордуна ошол болот экен.

- Илгертен май талканга көнгөн эргул, чачылып жаткан экен.

- Ооба, тим эле аксакал деп жантыгынан жата калып жатты, укмуш киши экен.

- Ал ошонусу үчүн кызматтан түшпөй өйдөлөп баратат да, союз тарабаганда, дагы башкача болмок, эми райкомду аким дешет экен го?

- Ошентип жатышат, ата акчадан кыйналган жоксуңарбы?

- Жо-ок кызым, сенин артың менен мал-салдуу болдук, жегенибизге эт, ичкенибизге кант, чай толтура, бизден кам санаба.

- Ошондой эле болсун, эртең Жумагүлдү алып кетип мектепке кийим-кече алып берейин, - деди Гүлбү атасына карап.

- Мейли кызым, кудай буйруса кызымды чоң окууга окуталы ээ?

- Ооба ата, быйыл Канатты киргизип алсак, эки-үч жылдан кийин муну да окутабыз, - деп Гүлбү коньякты берди, - Жеңем экөөңөр кешиктен ооз тийип койгула эми, буйруганын көргүлө, ата.

- Садагам десе, бир бала багыңа, бир бала шоруңа деп коет экен, сен биздин багыбызга төрөлгөн экенсиң, кызым, - деп эшикке чыгып кеткен Айнураны кирип келеби дегендей, - апаң байкуш сенин бактылуу болушуңду көрбөй кетти, - деп муңайып койду.

Айнура кирип келди да:

- Гүкү, атаңа коньяк алып келгенсиң го? - деди күлө карап.

- Экөөңөргө алып келдим, кешиктен ооз тийгиле.

- Рахмат, - деп чай куюп сунуп, Турдубекке бычак берди, - Кесип кой, балдар да жесин, чучуктан Канатка дагы алып кой.

- Келсе берем да, коюп койсок жейт, - деп бакылдаган Турдубек казы картаны туурап, чучуктан кесип сугунду да, - Ата-аңдын көрүү жаман семиз экен ээ? - деп коюп, жеп жатты.

Гүлбү ал күнү түнөп алып, анан эртеси Жумагүлдү ээрчитип үйүнө кетти. Экөө базарга келип, кийим-кече карашып, Жумагүлгө мектепке керектүү кийим-кече алды да, үйүнө келди. Келип, телевизор коюп, Жумагүлдү креслого отургузуп коюп өзү тамак жасады, жытына чыдай албай кускусу келип, эптеп суусун куюп коюп, анан сиңдисинин жанына келип отуруп калды. Башы айлангандай болду, эшикке чыгып окшуп кайра келди, үргүлөп уйкусу келди, отурган жеринен уктап кетти. Ал уктап жатканда Урматкан кирди, Жумагүл тура калды:

- Келиңиз, жеңе.

- Келдим, Гүкү барбы?

- Бар, уктап жатат, ойготоюнбу?

- Жо-ок, тим эле кой, чарчаган го?

- Билбейм, - деп экөө кобурашып отурганда, Гүлбү ойгонуп кетти.

- Кел жеңе.

- Келдим, эмне чарчадыңбы?

- Жок, чарчаган деле жокмун, башым айланып, кускум келет, уйкум келип, уктап кетиптирмин, базар кыдырганбыз.

- Качантан бери кускуң келет?

- Бүгүн эле, ысыкта кыйналдым окшойт, - деп ашканасына чыгып, тамагын карап, кайра келди. Келе жатып дагы кускусу келип, эшикке атып чыкты, - Тамактын жытына кускум келет, - деп кайра келди.

- Ой, анда сенин боюңда бар го дейм? - Урматкан ага жылмая карады.

- Кантип? - Гүлбү таңгала карады.

- Ушинтип эле, эртең врачка көрүнүп көрсөң, сүйүнчүсү меники.

- Мейли жеңе, сүйүнчүсү го болот, ырас эле боюнда бар аял кусабы?

- Ананчы, мен тамактын жытына чыдай алчу эмесмин.

- Анда эртең көрүнүп көрөйүнчү. Жумагүл, жеңеме тамак алып келчи, - деди Гүлбү ойлуу.

Үчөө чогуу үстөлгө отурушту, Гүлбү тамак иче албады. Эртеси Урматкан өзү кошо барып, гинекологго көрсөтүп, боюнда бар экенин билишти. Гинеколог Гүлбүнү карап:

- Буйруса райком аксакалдан сүйүнчү алабыз го? - деди күлүп.

- Болот-болот, Гүкү төрөсө төрөт үйүндө бир майрам болот, - деп Урматкан дагы күлүп калды.

Гүлбү унчукпай, күлүп тим болду.

- Келип көрүнүп турушуң керек, өзүм көзөмөлгө алам, макулбу? - деп врач шыпылдай карап, чыгып бараткан экөөнү узатып кала берди. Гүлбү үйүнө келсе, Жумагүл телевизор көрүп отуруптур.

- Эмне болду, Гүкү эже? - деди ал.

- Эчтеке, боюмда бары чын экен.

- Жакшы болгон тура, мен карап багышам ээ?

- Ооба, буйруса шаарга ала кетем сени.

- Чынбы, шаарга барып окуймбу?

- Сөзсүз, менин жанымда болосуң.

- Гүкү, - деди бирге келген Урматкан, - Мен күйөө баланын жардамына муктаж болуп келдим эле, кечээ да айтпай калдым, жок десең эле кетип калбадымбы.

- Эмне болду жеңе?

- Темир дагы милицияга түшүп калды.

- Мен барып көрөйүнбү?

- Мейли, бирок күйөө бала болгондо жакшы болот эле.

- Эмне болуп түшүп калды, сизге эле түйшүк салды ээ?

- Айтпа, ушул желмогуздар деп куурап жүргөнүмдү билеби. Замир болсо, шаарга барып иштейм деп, кетип калыптыр, - Урматкан кейип-кепчип кирди, - Жашымда жесир калдым, жыйырма тогуз жашыман бери. Уулдарым багат деп ушуларды кубат кылып жүрсөм, мага азапты салып отурат, жети жыл болду атасынын өлгөнүнө.

- Кейибечи жеңе, азыр алар ошондой кезде да, токтолуп киши болуп калышат, - деп Гүлбү жеңесин жубатып жатты.

- Элдин ошондой эле балдары ата-энесине жардам берип, колуна кол, бутуна бут болуп отурат, менин балдарым болсо кайдагы бир балдарга кошулуп алып милициядан башы чыкпады.

- Эчтеке эмес жеңе. Капаланбачы деги, Исабек эми бир айга чейин келбейт. Эгер телефон чалса, айтып коем, дайындап коет, - деди Гүлбү ойлуу, ал өзү да сары санаада болуп жаткан.

Анткени түшүндө жайдак, жүгөнү жок ат минип жүргөн экен, колунда балапан жүнү түшө элек куш. Ошондон улам Исабекти кайтып келбейби деген күдүк ой мээсин оорутуп турган. Урматкан кейип-кепчип отуруп ыйлап да алды, анан үйүнө кетти. Күн кеч болуп, Жумагүл экөө жатканы камынганда телефон чыр этти. Гүлбү түнкү көйнөгүн желбирете телефонго жетип келди:

- Алоо, бул ким экен?

- Гүкү кандайсың, зерикпей отурасыңбы, эркем?

- Жо-ок зериккен деле жокмун.

- Мен жакында баралбайм, куттуктап койсоң болот, Чүйгө губернаторлукка орун алдым.

- Куттуктайм, менин да сага жаңылыгым бар.

- Айта бер эркем, угуп жатам.

- Менин боюмда бар экен.

- Койчу, качан билдиң?

- Бүгүн. Кечээ башым айланып, ооруганынан врачка баргам.

- Жакшы болгон тура, буйруса ишим бүтөөрү менен эле жетип барам, коркпой-зерикпей тур ээ?

- Ооба.

- Анда жакшы тур.

- Эмне, убактың азбы?

- Сүйлөшкүң келип жатабы?

- Ооба, үнүңдү уккум келет.

- Анда сүйлө, берекем десе.

- Сөз деле жок, өзүң сүйлөчү, мен азыр тамак иче албай жатам.

- Анда алма же, балага витамин болот, өзүң эмне жегиң келет?

- Абрикос жегим келет, бизде жок да.

- Мен бир коробка салып ийейинби?

- Макул.

- Мени сагындыңбы?

- Мм.

- Дагы чыдай тур.

- Телефонуңду берчи.

- Макул, - деп Исабек номерин айтты, - Жазып алдыңбы?

- Ооба, өзүм чалып турам.

- Макул анда, жакшы жат ээ?

- Өзүң дагы жакшы эс ал.

- Көрүшкөнчө, - Трубканы коюп койгону даана билинип, түү-үт, түүт деп калды, - Коюп койду, жумушу көп болсо керек, - деп өзүнчө ойлуу трубканы койду да, жаткан ордуна келди.

- Жездемби? - деди уктай элек Жумагүл.

- Ооба.

- Айттыңызбы?

- Ооба.

- Эмне деди?

- Абрикос салып ийем деди.

- Айи-ий, шаарданбы, эже?

- Ооба да.

- Жакшы болуптур.

- Жездең жагабы?

- Жакканда эмне, баары бир чоң деген чоң да.

Экөө сүйлөшүп жатып уктап кетти. Исабек Мусаевич болсо: "Демек боюнда бар экен да, эмне кылыш керек? Мария болсо аны көрсө сотко берет, кызматымдан дагы айрылам. Николай болсо энесинин канын тартты, эгер ал билип калса Гүлбүнү атып салат", - деп креслого чалкалай отура кетти.

Ал губернатор болуп иштеп калды, бир күнү кабинетине жаш келин кирди. Буттары түптүз, бою узун, арыкчырай, чачын желкесине түйгөн, кашы чыккан айдай, мурду кырдач, жүзү жука ак кагаздай, көзү карагаттай:

- Исабек Мусаевич, менин бала-бакчамдын долбооруна кол коюп бере аласызбы? - деди кичи пейилдик менен ичке жагымдуу сүйлөп.

- Кана, долбооруңду көрөлү.

- Бала бакча ачканыма аз эле болду, кароосуз калган имаратты оңдоп-түзөп, жетимиш бала багып жатабыз, элдин суроо талаптары көп болуп жатат, - деп сүйлөп жатты Эльвира.

- Долбоор менен таанышып чыгалы, - деди Исабек Мусаевич ага көзүн кадай.

- Макул анда, качан кабарлашса болоор экен?

- Эмки экинчи күнү.

- Рахмат сизге, - деди Эльвира ордунан туруп.

- Ким… аа-а сиздин…

- Махмудова Эльвира.

- Эльвира, мындай да, имараттын кимге, кайда тиешелүү экенин билдиңер беле?

- Ооба-ооба, сүйлөшүп, баасын төлөп бермек болгонбуз.

- Жакшы-ы, анда бара бер.

- Рахмат агай, - деди да кабинеттен чыгып кетти.

- Мм, демек сулуу келин экен, күйөөсү же тааныштары болсо керек, - деп креслосуна чалкалай отуруп калды. Ошол убакта аялы Мария чалып, кечки тамакка кечикпей келүүсүн айтып, дароо эле трубканы коюп койду. - Чорт, тим эле буйругун кара, өзү Иван менен кайда жүргөнүн билбейт, эгер кызмат болбогондо, алда качан ажырашат элем. Николай дагы жинге тийди, бизнес кылам деп, канчалаган акчаны сарптап жатат, бангини да колдонот, Мария менен ачык сүйлөшсөм окшойт, - деп күнгүрөнүп алды. Ошол күнү ага Гүлбү да чалды. Ал ага абрикос салам дегенин айтканда, унутуп калганы үчүн кечирим сурады да, айдоочусуна дайындап кетип жаткан вертолётко салдырып койду, абрикос, дагы толгон майда барат берип жиберди. Аны алган Гүлбү эртеси эле телефон чалып, кубанычтуу рахматын айтып, сагынычын жобурады, көпкө сүйлөшүштү. Убакыт өтүп, бир айдан өтсө да, Исабек Мусаевичтен дайын болбоду, кийинки кездери телефон чалбай, чалса албай калды. Бир күнү Гүлбүгө акимден киши келди. Үйдү бошотушун айтты эле, Исабекке чалып алалбай, тиешелүү буюмдарын, креслосун, телевизорун жүктөп алып, атасынын үйүнө көчүп барды. Эми эл аны ушак кыла баштады.

- Байкуш, тиги Турдубектин кызын таштап кетип калган тура, - деди айыл ичинде ушакчы аталчу Сакиш деген кара жаак аял.

- Чоңдор кызматынан пайдаланып, далайды кылат экен го?

- Кантсе дагы Турдубекти байытып кетти да, ичип эмдигиче алкаш болуп бүтмөк, эми чыкыйып райкомдун арты менен аял алып, адамча жашап калды.

- Ырас эле, Турдубек аялы өлгөндөн кийин ичип кеткен да.

- Ооба, ичип карыз болуп, балдарына ун албай эле, аракка жумшап калган да.

- Кызы кийимге жетпей калганда, багына бир келди эле, аларга аял жокпу, дагы бирөөнү алып алды да, - дешип шыпшынып, эркектер андан бетер чогулган жерде сөз кылып бүтпөй калды.

Гүлбү бул ушактарды адеп укканда ызаланып ыйлап жүрдү, сүйлөшөөр адам табалбай бук болгондо, Урматканга барды.

- Жеңе, элдин ушагынан тажап кеттим, эмне кылаарымды да билбей калдым, - деди көзү жашылдана, - ичим дагы чоңоюп калды.

- Эч кабатыр болбо, келет да, ал чоңдор эмес балдарын бага албай өзүн эркек сөрөймүн дегендер аялын таштап кетет Гүкү, аларга эмне, келсе-келбесе да сен жакшы адамдан тукум алып калдың, балким колу бошобой жаткандыр, сабыр кылып, чыдай тур, эл айта берет.

- Кыйналып кеттим, көргөнү эле аңырайып карашат.

- Алардан кысынба да, капаланба, атаңды оңдоп кетти, мал-салдуу болуп бакыйып отурат, ошонун баары райкомдун касиети эмеспи.

- Ал туура дечи, бирок ушактар кыжаалат кылып ийди да.

- Кам санаба, башыңды өйдө көтөр, - Урматкан ага акыл-насаатын айтып, жубатып жатты.

Бир ыйлап, бир сооронуп, Гүлбү анан үйүнө кетти. Турдубек ичинен кызынын кейпин көрүп, жинденип жүрдү, бирок шаарга барып жолугуп келмек болсо да, чыга албады. Убакыт өтүп, Гүлбү уул төрөдү. Анын атын Нурсейит коюп, багып жатты. Турдубек күнүгө атын минип алып сүт, айранын ташып берет. Нурсейит чоң төрөлгөн, көрүнүшү Исабектин өзү болуп, чоңоюп баратты. Баягы ызасы тарап, жашоо үчүн күрөштүн даңгыр жолуна түшкөн Гүлбү сиңдисине каратып коюп, эл менен бирге соодага киришти. Шаардан алыс, тоолуу район болгондуктан тез-тез шаарга баралбайт, Исабекти ойлогондо ичи тыз этип алат, кантсе да кыз кылыгын көргөн күйөөсү эмеспи. Кээде: "Өлүп кетсин, бузулган кыз эмесмин, кадыр-барк менен тийдим, жардамы тийип атамды адам кылып койду, балким аялы ажырашпай жаткандыр", - деп да ойлонуп калат, кайрадан жумушу менен алек. Эркебаев болсо облуска тынбай барып жатып, аким болгон. Гүлбү анын кабылдамасына барып кирмек болду, бирок киргиси келбей, кайра токтоп калды.

***

Өмүрбек Калима менен бир жылдай жашап жүрдү, бара-бара ынтымагы болбой, эки бөлүнүүгө аргасыз болушту. Шайыр менен Гүлзана лөлүгө бир дуба жасатып, түндөп келишип, эшигине чачкандан баштап, Өмүрбек оорукчан да болуп калды. Жапаркул менен Урматкан анча көп жашашпады, улам балдары бейбаштык кылып, милицияга түшкөндөн улам, уруш-талаш боло берип, Жапаркул да үйдөн кетип калган. Шайыр болсо алардын үйүн ар жума сайын текшерип келип турат. Акмалап сураштырып жүрүп, алардын ооруп калганын билгенде, учуп Гүлзанага жетти.

- Ай Гүлзана, сага айтчу жаңылыгым бар.

- Кандай жаңылык?

- Калима менен Өмүрбек ажырашыптыр.

- Чын элеби?

- Чын, ал тургай ооруп да калышса керек.

- Жапаркулчу?

- Алар дагы, кыскасы экөөбүздүн тилегибизди берди.

- Ай Шайыр, мен Жапаркулдун оорушун каалабайм, балдарым аны аябай сагынып, кичүү уулум кайра-кайра сурап жатат.

- Эмне келсе киргизесиңби анан?

- Анан эмне кылабыз, кайнатам дагы, иттин иттигин кечир балам, эркектин итчилигин көтөргөн аял кеменгер болот, сен акылдуу, көтөрүмдүүсүң, деп болбой жатпайбы, кокус экөөбүздүн кылган жоругубузду алар билсе, капа болот го?

- Эмне, кеменгер аял болуп күйөөңдү кечирейин дейсиңби?

- Андан башка арга жок, аларга өчөшүп, экөөбүз деле эмнени кылбадык, жаманбы-жакшыбы балдарымдын өз аталары да.

- Мейли, өзүң эле бил. Менин балдарым чоңоюп калышпадыбы, жинденип киргизбей эле кой деп жатышат.

Эки аял көпкө сүйлөшүштү. Шайыр ойлонуп калды: "Ырас эле балдарымдын атасы эмеспи, кокус кечирим сурап келип калса киргизбегенде кантем", - деп ойлонуп үйүнө жөнөдү.

Өмүрбек бул кезде ооруканада жаткан, эмнеси ооруганы белгисиз, алы кетип эле шалдырап калган. Текшерүүдөн оорунун белгиси табылбады. Ата-энеси угуп келип, өңүн көрүп чоочуп кетишти. Бирок Шайыр кабарсыз отурганда, эшиктен кирип эле наалып:

- Өзүнө-өзү кылып албадыбы, Шайыр аны үйдөн кубалады дейсиңби? - деп сүйлөнүп кирди.

- Атаңоозун урайын десе, дегеле алты баланы таштап басып кетенчегин кара, эми аны чоң догдурларга алып барбасак болбойт.

- Келгиле ата, апа, эмне болду? - Шайыр ичтен чыга калды.

- Өмүрбек ооруканада экен.

- Эмне болуп?

- Оорусу күч окшойт, өңү жок, алы кетип шалдырап эле жатып калыптыр…

- Качан жатыптыр?

- Үч күн болгон экен, оорусунун белгиси жок дейт врач.

- Ии-ий да, - деп Шайыр кайната-кайненесине дасторкон жайып, чай алып келди.

- Өмүрбекти Бишкекке алып барбасак болбойт.

- Качан?

- Доктурлар текшерип көрүп, кагаз беребиз дейт.

- Ии-ий, - деген Шайыр унчукпай калды: "Демек катуу, Гүлзанага жетип, айтышым керек, лөлүнү таппай калдык го, эми эмне болот, өлүп калсачы", - деп сары санаа болуп жатты.

Кайнаталары үйүнө кеткенден кийин дароо Гүлзанага жетип барды.

- Кел, жайчылыкпы деги?

- Кайдан, Өмүрбек катуу ооруп, ооруканада экен.

- Жапаркулчу?

- Аны билгеним жок.

- Эми эмне кылабыз ыя, бирден кой берип, аларга ажал сатып бербесек болду…

- Мен коркуп жатам, - Шайыр Гүлзанага аргасы кете карады. - Эмне кылабыз, айтчы, эгер кайненемдер билип калса балдарды алып калып, мени кубалап чыгат, өлдү-үм Гүлзана, мен өлдүм.

- Корко бербечи, башка лөлүлөргө айтып, сүйлөшүп көрсөкпү?

- Мен да билбейм, кандай болуп кетет деп, алар кеткиче, шашып сага жөнөдүм, - Шуу үшкүрүп алды Шайыр.

- Жапаркул эмне болду экен ыя?

- Билбейм ай, тиги аялдан сурабайсыңбы?

- Алар эбак эле жашабай калганын уккам.

- Анан кайда болду экен?

- Билбейм ай билбейм, жүрөгүм түшүп калды.

- Барып көрүп келбейсиңби?

- Баргым келбей жатат, чынын айтсам көргүм келбейт, болгону туура эмес кылганыма өкүнүп калдым.

- Мен дагы.

Экөө ошентип, аргасыз айла таппай турушканда, Гүлзананын кичүү баласы Жаныш кирип келди:

- Апа, атам келди!

- Кана?

- Келе жатат.

- Келсе эмне дейин? - Гүлзана Шайырды суроолуу карады.

- Өзүң чеч.

- Адегенде кебетесин байкайын ээ?

- Ошент, - дегиче Жапаркул кирип келди.

Кирпигинен тартса жыгыла турган болуп, өңү боппоз, Шайыр менен Гүлзана бири-бирин карап, селдейе туруп калышты. Катуу сөз айтууга да алы келмек эмес.

- Кандайсыңар? - деп Жапаркул жылмайган болду.

- Ке-ел…

- Келдим байбиче…

- Эмне, ооруп калдыңбы? - деп сурап калды Шайыр, - Өңүң жаман да?

- Ооба, тап жок, - деп ичкери кирди, - Алым эле кетет…

- Урматкан карабай койдубу?

- Андан кеткеним качан, сага келгенден коркуп, ар жерде жүрдүм…

- Корккондо эмне, болоор иш болду. Сүйүүдөн жүрөгүң суусап, суусунуң канганда, кайра келээриңди билгемин. Балдар турган жерде кечирбей коюуга акым барбы, ай-мончоктой балдарыбыз турат, сени жээрип кайда барам?

- Рахмат Гүлзана, балдардын кадыры үчүн кечиргениңе, - деди да Жапаркул ичкери кирип эле жатып калды.

Гүлзананын жүрөгү шуу дей түштү: "Кудай уу-ур, өлүп калбаса болду, эми эмне кылам", - деп Шайырга карады, ал ийинин куушуруп койду.

- Жапаркул, эмне кардың ачпы? - деп Гүлзана күйпөлөктөй жанына барды да сурады, - Доктурга алып барайынбы?

- Жж-жок, алым жок, - көзү аңтарыла жатып калды.

Шайыр аны көрүп, үйүн көздөй жөнөдү: "Мен Өмүрбекке барышым керек, күнөө менде, мынчалык кылбашым керек эле, кетсе кете берсин деп отура бербей, кайдагы балээни баштадым?" деп үйүнө кетип баратып, өз каталыгына өзү капаланып кейип баратты.

Гүлзана болсо күчтүүлөп тамак бермек болуп, өз кылыгына нааразы болуп жатты: "Аялдын акылы кыска, чачы узун деген тура, эмнеге ошого бардым экен, өлтүрүп алсам, өмүр бою өзүмдү-өзүм күнөөлөп жүрүп өтөм го", - деп кыжаалат болуп жатты. Бирок Жапаркул тамак ичмек турсун башын көтөрбөдү, көзүн дагы ачпады, жаткан ордунан өйдө болбой сулк жатты…

Өмүрбекти анализдерин текшерген менен эч кандай оорунун дайыны билинбеди, акыры врачтар аны каны аз деген далил чыгарып, борборго жолдомо бермек болду. Бирок Шайыр жанталашып лөлүлөргө барып жүрдү, экөөнө бир гана дуба окуткан болчу. Ошондуктан экөө кеңешип издештирди, акыры арадан бир ай өткөндө бир лөлүгө жолугуп, ачык айтканда ал:

- Мен жандырам, эгерде өтүшүп кетпесе. Күчтүү дубаны кээде гана пайдаланабыз, эгер ошону жандыра алсам, көп төлөйсүңөр, - деди.

- Төлөйбүз, кыскасы жанса болду.

- Анда оорулууну көрүшүм керек.

- Эч нерсе айтпайсыз, ооруканада.

- Болду, бир көрөм да ачык айтам, силерди калп айтып үмүткөр кылбайын, - деди да алтымыштардан ашкан аял Шайырды ээрчип, ооруканага келди.

Аерде ата-энеси бар экен, ошондуктан аларга сыр билгизбей өзү Өмүрбектин үстүнө кирди. Ал аялын карап алып:

- Кечир мени Шайыр, жаштыгымбы же жамандыгымбы, бир азгырылдым, кечир мени, - деди акырын.

- Кечиргем Өмүрбек, сен жакшы болуп кетсең болду, - деп Шайыр бет сөөгү оркоюп, жүзү боппоз болгон Өмүрбекти аяп ыйлап ийди.

Кайната-кайненеси келинине ыраазы болуп жатты, балдарына карабай басып кетсе дагы, келип ага карап турганына. Тамак ичпей, суу ичип гана, баш көтөрүүгө дарманы келбей жаткан уулун эртеси шаарды көздөй алып жөнөмөк болуп жатышкан. Коридордо турган цыган баарын билди да, сыртта туруп Шайырды күтүп калды. Көптө барып, Шайыр шалкы бош чыкканда цыган аны утурлай басып:

- Өкүнүчтүү, күйөөңдү кайтпай турган дуба менен окутупсуң, бирок убакыт керек, эгер жетише алсам кайтарам, эгер менин мөөнөтүмдө өзүнө келсе анда үмүт болот. үч күндүн ичинде ачыгын айтам, - деди да ылдамдай басып кетти.

- Сизди кайдан табам? - дегенге зорго үлгүрдү Шайыр.

- Өзүм келем

. - Токтосоңуз, эртең ал шаарга кетип калат, кандай болот?

- Эгер кетсе артынан дубаланган сууну алып барып ичирүүң керек, эгер жетишип калсак.

- Суранам сизден, эмне десеңиз аткарайын, болгону күйөөм аман-эсен калса болду, - деген Шайырдын көз жашы жүзү ылдый мончоктоп турду. Оорукананын терезесинен карап турган кайненеси: "Бул кайдагы лөлү менен сүйлөшүп жатат, а кокус уулумду жанагы азгырган аял дубалатып койду бекен? Бечара келиним ошону билгиси келген го", - деп карап турду.

Шайыр келгенде:

- Балам, ким менен сүйлөшүп жаттың? - деди билмексен боло. Лөлүнү кийим-кечесинен, турган турпатынан тааныса болот эмеспи.

- Аа-а апа, ал цыган аял, жанагы аял дубалаткан экен, ошону үч күн ичинде күчүм жетсе жандырам, кайтпас дуба окулуптур, бирок жолу бар дейт.

- Ко-окуй эмне дейт?! Лөлүлөр жасаган дуба оңдурбайт дечү эле, - деп эне чоочуп кетти, - Жана эмнеге айтпадың, чогуу-чаран кеңешет элек го?

- Сиздерден тартындым.

- Анын эмнесине тартынасың, Өмүке аман калса болбодубу?

- Үч күндөн кийин келет апа, эгер жетише алсам, күчүм жетсе деди, - Шайыр мукактана түштү.

- Олда кудай ай, балаң кургурдун кылганын кара.

Жамийла эне күйөөсүнө келип түшүндүрдү эле, ал башынан мындай нерсеге ишенбеген неме кемпирине ороңдой бакылдады:

- Болбогонду айтпачы кемпир, оору кудайдын жиберген дарты, эгер кулум десе уулум сакайып кетет.

- Түшүнсөң боло, Шайыр ушунча таштап кеткен болсо да далбастап, ар кайсы көзү ачыктарга, молдо кожолорго барып, айыктырып алгандын аргасын издеп жүрбөйбү, көңүлү ирээнжисе ошентмек беле?

- Эми ал адамдын ишеничи байбиче, бирөөлөр дубага, бирөөлөр дем салганга ишенип, сүйөнүп алат. А кээ бири жөн гана кудайга ишенет, ошону үчүн пендебиз да, узактырбай чоң врачтарга көрсөтпөсөк болбойт.

- Уулумду эки күн кое тур, мен үчүн, - деп Жамийла ыйлап туруп алды эле, Балтабай кемпирин бир ормое карап алды да:

- Мейли, менин эле балам эмес, сеники дагы, кудайдын жасаганын көрөөрбүз, - деди үшкүрүнө.

Шайыр Өмүрбектин жанында калды, эч нерсе ичпей, эки колунан тең укол куюлуп, эчтеке сезбей сулк жаткан Өмүрбектин жанында отуруп, үргүлөп кетти. Бир кезде кайдан жайдан бармактай боз чымын Өмүрбектин көкүрөк үстүнө конуп, чыр-чыр этип, анан терезенин ачык форточкасынан тыр этип, учуп чыгып кеткенде, бирөө ойготкондой чоочуп ойгонду, көзүн ачып эле Өмүрбекти караса, ал демигип кыйналып жаткан экен, дароо врач менен сестралар жетип келип, текшерип көрүп, укол куюп тыпырап калды. Шайыр болсо, телефон чалып алайын деп алдастаган менен үйүндө телефону жок эле, ыйлап жанында, көпкө алышкан менен эч майнап чыкпай, таңга маал Өмүрбек бул жарыкчылык менен кош айтышып кете берди. Шайыр түн бир оокумда ботодой боздоп, ыйлап отурду. Таңга маал эрте турган Балтабай: "Бул оңоор түш эмес, эгерде ушундан аман калса", - деп ойлонуп даарат алып, намаз окуду, анан кемпири даярдаган чайынан бир чыныны зорго ичип, жүрөгүнө эч нерсе батпай ооруканага келди. Ал келгенде Шайыр сырттагы отургучта көзүнүн жашы он талаа болуп отурган эле.

- Балам…

- Ата-а! - Шайыр кайнатасын көрүп бакырып ийди.

- Балам, ушундай болмок беле?! - деп Балтабай башын муштагылап, ыйлап турду.

- Ата, мен кантем?

- Балам, аргабыз жок, жазуу тура, - деп кайраттана, оорукананын ичине кирип, врач менен сүйлөшүп жатты.

- Бизде арга жок эле аксакал, тез билинбей өтүшүп кеткен ооруну биринчи көрүп жатабыз.

- Шаардагы чоң доктурга алып кетейин десем кемпирим болбой койду эле, ошондо сактап кала алат белем?

- Жо-ок аксакал, жолдон кайтмаксыңар, кемпириңер туура кылган, жолдо кыйналмаксыңар.

- Ушунчалык дайынсыз оору бекен, болобу ошондой, окуп чокугандар таппаган оору?

- Медицина изилдеп чыккан оорулардан сырткары белгисиз оорулар көп, атын тапса да айыктырууга дары-дармек жетишсиз, аба, - деди башкы врач.

- Ушундан көрө үйгө алып кетип, жарым күн болсо да жанында болбойт белем, жаны чыгаарда акыркы сөзүн угуп, жүзүн бир тое карап албайт белем? - деп Балтабай өңгүрөп ыйлап жатканда, аны бир врач колтуктап сыртка алып чыкты:

- Кайрат кылыңыз ата, балаңыздын көрөөр күнү түгөнгөн тура, айла канча? Кээде ушундай жаман оорулар менен алектенебиз, эми өлөт деп түңүлүп карабай калганда, кандайдыр бир күч пайда болуп, жүрөгү иштеп кеткен оорулар болот, - деди да, - Эми эптеп балаңыздын сөөгүн алып кеткенге аракет кылыңыз, - деп чыгарып койду, - Бул жерде ар кандай оорулар бар, кээси ушундай ызы-чуудан өзүн жоготуп, кайра ооруп калат.

- Болуптур балам, айла канча, жазмышка көнбөскө аргабыз жок, - деген Балтабай орундукка отуруп калды.

- Ата, эми эмне кылабыз? -үңүлдөп ыйлап отуруп суроо бергенин, эмне деп сураганын да билбей калды.

- Өлгөндүн жазасы көмгөн дейт балам, - деди карыя жер теше тиктеп, - Тиги дүйнөсүн берсин кулунумдун.

- Аа-а! - деп боздой берди Шайыр.

Арыдан бери тууган-уругу топтошуп келип, Өмүрбектин сөөгүн алып кетишти. Жерге берип, бардык ырымын жасагандан кийин Балтабай, Шайырга карады:

- Балам, келиним эмес кызымдайсың, Өмүрбегимдин төрт уул, бир кызын татыктуу тарбияла, биз карап турбайбыз.

- Айланайын, балдарга жакшы кара, - деди Жамийла, бышылдай көз жашын сүртө, - Кантейин уулумду кайрый албайм!!!

Ошентип, арыдан бери бир туугандары чогулуп Өмүрбектин сөөгүн алып кетишти, аны уккан Гүлзананын жүрөгү түшүп эле калды, барып көз көрсөтүп коюп, үйүнө кайра келди да, баягы лөлүнү издеп, барбаган жери калбады, Жапаркул дагы ооруканада болчу, ал бир аз тыңыраак. Врачтар үрпөйүп эле калышты, эч диагнозу табылбаган оорулуудан экинчиси келгенде, шашылыш жолдомо менен шаарга жөнөткөнгө аракеттенип жатышкан. Гүлзана анын жанына бир баласын коюп коюп, көргөн жерине дагы бир бармак болуп, ооруканадан чыгып келе жатса, баягы лөлү келе жатат, Гүлзана сүйүнүп кетти.

- Эжекебай, сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле, мындайраак бассаңыз, - деди лөлүнү карай.

- Билем кызым, билем, бир келин мага жолугуп айткан эле, анын күйөөсү өлдү ээ?

- Ооба эже, менин күйөөм эмне болот? - Гүлзана ыйламсырай сурады.

- Коркпо кызым, сенин күйөөң көр оозунан кайтат. Анткени ал көтөрүп кетет, мен жандырып койдум. Дубаны окуу да, жандыруу дагы абдан оор болот. Түндө билдим бирөөнүн өлгөнүн, эми үчөө бар экен, бул алардын оорусун жеңилдетет, айыктырат, - деди лөлү.

- Рахмат эжекебай, балдарымдын атасы сакайып кетсе болду, канча берем эже? - деди Гүлзана шашыла.

- Көөнүңдөн чыкканын бер кызым, дуба менен ойнобой жүргүлө.

- Сиздин дарегиңизди алып алсак болобу? - деди Гүлзана акчаны берип жатып, анткени үчөө тең айыгат дегенде, Калима менен Урматканды ойлоп, аларга ойлогон жамандыгы башына шак дей түштү: "Оболу ошолор азап тартса болмок, алар дагы айыгып кетишеби", - деген ойдо, күйөөсү айыгып калгандан кийин ал экөөнө, бир нерсе жасатмак болуп, ойлоп ийген эле.

- Кызым, дуба менен ойнобо, бирөөгө жамандык тилесең, өз башыңа тиет, - деди да лөлү, анын оюн билип тургандай, басып кетти. Селдейе караган Гүлзана колундагы дубаны бекем уучтап, ичке кирди, ошол кезде, Жапаркул бир көзүн ачып, кайра жатып калды.

- Тезинен шаарга алып кетпесеңер болбойт, биерде жаткан менен пайда жок, эртелетип диагнозун койдургула, - деди карап жаткан врач.

- Эмнеге, бир аз жата турса болот эле го, же такыр болбой калабы? - Гүлзана врачты ыйламсырай карады.

- Жок, али үмүт бар, бирок биз таң калып жатабыз, ушул оору экинчиси болуп жатат, адамдын организми жөндөн-жөн эле алсызданганы таңгалычтуу, шаарда чоң врачтар, профессорлор бар, балким жакшылап текшеришээр.

Ошол убакта кайнатасы келип калды, ал врач менен жеке сүйлөшүп чыкты да, машина менен өз үйүнө алып жөнөдү. Гүлзана үндөй албады, келгенден кийин адегенде дем салдырды. Балтабайдан укканын үйбүлөсүнө Гүлзана айтып берди.

- Шайыр мага айтканынан лөлүнү тапкамын, ал айыгып кетет деди, экөөнө бир жасалыптыр, Жапаркул көтөрүп кетет деди.

- Ой айланайын, оозуңа май, ошондой болоор күн кайда, балдарынын маңдайында аман эле жүрсө экен, - деди кайненеси Маана, көз жашын аарчый.

Ошентип, Жапаркулду тегеректеп күнү-түнү карап жатышты, үч-төрт күн өткөндө ал көзүн ачып:

- Суу, суу берчи, - деди эле, Гүлзана шашып суу алып келип берди.

- Мына суу, - деп башын жөлөй ичирди эле:

- Өх! - деп жуткандан кийин үшкүрүп алып жатып калды.

Ошондон кийин көзүн ачып, бир аз сүйлөп да калды. Акырындап өзүнө келип баратты. Молдого дем салдырганда ал:

- Буга кара күчтүн таасири тийген, денсоолугу тазасынан гана көтөрүптүр, - деди.

- Деги каксыз айыгып кете алабы?

- Айыгат, эми аз-аздап кайнатма бергиле, жети күндөн кийин күчтүүлөп бере берсеңер болот, баары артта калган экен.

- Айтканың келсин, - деп атасы ыраазылыгын билдирди.

Күндөн-күнгө айыгып келе жаткан Жапаркул өйдө туруп, сыртка басып кирип калган. Гүлзана күйпөлөктөп жанында. Шайырга барып, анын ал абалын билип келип турат, экөө жолукканда Шайыр:

- Гүлзана, Өмүрбекти өзүм эле өлтүргөндөй болуп кыйналып кеттим, жерге бергени түшүмдөн кетпейт, күңгүрөнүп эле үйдө басып жүрөт, - деди ыйлап отуруп.

- Коркпо, сен өзүңдү күнөөлүү сезип, көп ойлоно берсең кире берет да. Келме келтирип, куранды көбүрөөк оку. Жапаркулга айта элекмин, бир аз жакшы болсо, ээрчитип келем. Кыскасы, экөөбүздүн жасатканыбыз билинбей калганына тобоо, тиги аялдардан эле көрүп калышты, - деди Гүлзана шыбырай.

- Ошону айтсаң, болбосо эмне болоор эле…

- Өз кылган ишиме нааразы болуп, жаман азап чегип кетпедимби, качан гана Жапаркул көзүн ачканда өх дедим ай, - Гүлзана күлүп да алды, - Жаман болот экенсиң.

- Мен ошентип жатпайынбы, бассам-турсам өзүмдү күнөөлөп жатып кыйналып кеттим, түшүмө кирсе, коркуп да кетем, а кокустан мен дагы өлүп калсамчы? - деди алаңдап Шайыр.

- Койсоңчу, андай жаман ойду кубалачы, жүрөгүңө жалаң жакшы ойлорду түнөт, антпесең болбой калбайбы?

- Сен келип турчу, бат-бат келип тур ээ?

- Колум бошосо эле келип турам, азыр Жапаркул өзүн мас кишидей эч нерсе сезбей жатат, өзү басып-кирип чыкканы менен ошондой, курбум…

- Жаман болгон тура, аялдык жеңилдигибиз эмнеге алып келди, мына баары бир биз күйөт экенбиз, - деп үшкүрүнө коштошушту эки келин.

Гүлзана келгенде Жапаркул эшикте жүргөн эле, аялын бир карап алып:

- Сен кайда жүрдүң? - деди.

- Шайырга барып келдим.

- Ал ким эле?

- Шайырчы, Өмүрбектин аялычы.

- Билбейм, көзүмө тумандалган нерсенин арасынан бир эле сен көрүнүп жатасың го, сенин ким экениңди тааныбайм, - дегенде Гүлзана чоочуп кетти:

- Эмне-е?!

- Анча эмне чоочуйсуң, өзү мен киммин? - Жапаркул делдейе карап суроолуу тигилди.

Ошондо Гүлзананын жүрөгү шуу дей түштү: "Бул эмнеси, өзүнүн ким экенин билбесе кандай болот? Кой, апама айтайын, молдолорго катуу дем салдырсын", - деди да кайненесине кирди.

Жапаркул өз ата-энесинин үйүндө болчу.

- Апа, Жапаркул менен сүйлөшүп көрдүңүзбү? - деди жанына отура калып:

- Ийи эмне болду?

- Сизди таанып жатабы?

- Тааныбай эмне.

- Жо-ок апа, чыгып, сүйлөшүп көрсөңүз.

- Бирдемени сүйлөй бербей, тамак жасачы балам, ушунчалык сакайып калганына шүгүр, дейли, - деп келинин жактыра бербей, ары бурулуп кетти: "Бул шайтан эмне деп жатат, сүйлөшпөйт деле", - деп эшикке чыгып, ары-бери басып жүргөн уулунун жанына барды:

- Уулум, үйгө кирсең боло, эми өз үйүңө бар, балдарыңдын маңдайында бол эми, - деди мээримдүү карап.

- Ким, кимдикине барам, бул үй кимдики? - деди Жапаркул апасын элейе карап, - Сиз кимсиз?

- Эмне дейт ботом, мени тааныбай эмне болдуң эле, мен сени төрөгөн энең эмесминби? - деп чоочуп кетти, аларды Гүлзана уурдана карап турду, - Балам, атаң келсе молдо чакыртып дем салдыралычы, - деди күйпөлөктөгөн Маана.

- Кой, мен эч кимди билбейм, атам-апам ким экенин билбейм, бир гана жанагы аялды тумандын арасынан көрүп жатам, аны да тааныбайм, - деди да Жапаркул ичке кирип, ордуна жатып калды.

Маана сары санаа болуп жатты, күйөөсү келгенче зорго чыдады. Суранчы келээри менен:

- Чал, уулуң менен сүйлөшүп көрчү, - деди аста.

- Эмне болду?

- Кирип сүйлөшчү, - деп ичкери ээрчитип кирди.

Суранчы кирсе, ал ары карап жатып алыптыр.

- Уулум, менде сөзүң барбы?

- Сиз кимсиз? - деди баш көтөргөн Жапаркул.

- Эмне дейт? - Суранчы сөз таппай калды, - Ой бала, сага эмне болгон?

- Мага эмне болду эле?

- Соо эмес го бул, - деген Суранчы башка чапкан эмедей үйдөн чыкты да, эч кимге сүйлөбөй жолго чыгып, көчө бойлоп, хадиса окуган чоң молдонун үйүнө келди да, аны ээрчитип, үйүнө келди, бир күнү кечке окуган молдого тамакты жасап, алдына койду, ошондо молдо:

- Бул балага күчтүн таасири күчтүү тийиптир, абдан тазалаш керек, жалгыз менин алым жетпейт, - деди.

- Кимди чакырайын анан, деги өзүнө келээр бекен?

- Келет, күчтүүлөп тамакты жедирип тургула, жети молдо окуйбуз, муну кара күчтүн касиети таптакыр ороп алган, көзү тумандап турат, бул азыр эч кимди тааныбайт, жасаткан аялдын гана элеси көрүнүп жатат, - дегенде Гүлзананын жүрөгү шуу дей түштү: "Эми эмне болот, менин жасаганымды билишсе эмне дейт?" - деп бүткөн бою калтырап кетти.

Эртеси жети молдо келип, даарат алып ичкери киришти. Суранчы семиз кой алып келип союп, казанга салды. Кудайдан тиленип тообо кылып, кемпир-чал өздөрүнчө сыйынып жатышты. Гүлзана кудайдан тиленип жүргөн менен үйгө киргенден чоочуп кайпалактап: "Мени көрсө айтып ийет, көрүнбөй эле коеюн", - деп өзүнчө эле бушайман. Күнү кечке жети молдо окуп, кеч бешимде гана сыртка чыгышты, Жапаркул кара терге түшүп, уктап жаткан. Молдолорду сыйлап, колдоруна суу куюп, эт тартып, колдоруна тыйын-тыпыр берип, узатаарда хадисачы молдо:

- Муну менен да болбойт, эми өзүм үч күнү катар окуйм, - деди.

- Жакшы болуп кетсе болду. Кудай кубат берсин, кудай ыраазы, биз ыраазы, - деп Суранчы ыраазылыгын билдире узатып койду.

- Кудай шыпаасын берсин, иншаала, - деди да хадисачы молдо үйүнө жөнөдү.

Маана улам уктап жаткан уулун карап коюп жатты, ал көзүн ачып, кирип-чыгып эч ким менен сүйлөшпөгөнүн башкача жооруган: "Курган балам ай, өзүн күнөөлүү сезип жүргөн го?", - деп ойлогон, эми ойгонсо эле ал акыбалын сурап билмекке атасы экөө тең жанында. Бир кезде чукуранып ойгонуп, көзүн ачкан Жапаркул:

- Мен каердемин? - деди да Маананы карап, - Апа, мен качан келдим эле? - деди.

- Уулум, сен үйдө элесиң, кичине ооруп турдуң, - деп Маана уулунун башынан сылай чекесинен өптү, - Тер жыттанып калыпсың, кийимиңди которчу садага.

- Бүткөн боюм салдай болуп, оорлошуп калыптыр, кое турайынчы апа, көңүл жок.

- Айланайын десе, жаңы шорпо ичесиңби?

- Макул.

- Башың ооруган жокпу?

- Жок.

- Жапаш, өзүңдү кандай сезип, калдың уулум? - деди баятан бери үндөбөй, карап турган Суранчы.

- Жакшы элемин ата.

- Кудайга миң мертебе шүгүр…

- Эмне ошончолук оорудумбу ата?

- Айтпа балам, аман турганыңа шүгүрлүк, кирпигиңдин кыбырап турганы, апаң экөөбүзгө канчалык кубат, - деп кемпирине карады, - апасы, уулума эттен, шорподон алып келе калчы.

- Азыр келинди айтайын, - деп Маана жер таяна сыртка чыгып баратып да сүйлөнүп баратты, - Ээ жараткан, кулум десең уулума денсоолук бер, өмүрүн узун кыла гөр! - деди да сыртты карай үн салды, - Ээ Гүлзана, Жапашка ысык шорпо менен эттен алып келчи! Муну уккан Гүлзананын жүрөгү лакылдап: "Билип коюшпаса экен", - деп казандан шорпо куюп алып, үйгө кирди да Жапаркулду жалт карады. Ал отурган экен, үндөгөн жок, колуна берген чыныны алды. Гүлзана аз жерден калды, эгер Жапаркулдан үн чыкканда, чыныны ыргытып иймек.

- Жакшы болуп калдыңбы? - деди ал унчукпай калгандан кийин өзүн кармай.

- Жакшы.

- Этти ысык шорпого салып, анан алып кел балам, бир-эки кесип жесе да кубат, - Суранчы келинине кайрылды.

- Макул ата, - деди да чыгып баратып: "Өх, кудай сакта", - деп, көңүлү жайлана ишке киришти.

Ошондон кийин гана ата-эненин көңүлү жайланып, молдого дагы үч жолу дем салдырып, жакшы болуп калды. Гүлзана коркпой калды, түлөө өткөргөндөн кийин өз үйүнө алып барышты. Жапаркул кадимкисиндей болуп калганда балдарына карап, аялы менен сүйлөшүп калды.

Бир күнү Гүлзана:

- Жапаш, Өмүрбектин үйүнө барып келелиби? - деди акырын.

- Эмнеге?

- Өмүрбектин кырк ашы өтүп жатат.

- Эмне?!

- Ал өлгөн.

- Койчу?

- Ооба экөөңөр тең катуу оорудуңар, сен кудайга шүгүр, минтип маңдайыбызда отурасың…

- Жаман болгон турбайбы, ал качан үйүнө келди эле?

- Үйүнө келбей эле, ооруканадан табышты.

- Ка-ап, бизди кудай урганда адашкан экенбиз, - деп Жапаркул кейип алды да, - Кой, баралы анда, - деди ордунан туруп.

Экөө ээрчише Шайыр отурган боз үйдү көздөй келе жатканда, Жапаркул катуу өкүрүп алды, боз үйдү тегеректеп бир туугандары, балдары ага кошулуп өкүрүп жатты. Балдарын кучактап кайрат айтып, анан боз үйгө кирип, куран окулду. Эл көп эле, кыркылыгын өткөрүп жаткандыктан, ата-энеси да ошол жерде. Жапаркулдун боппоз өңүн көрүп, боору ооруп кетти: "Курган балдар, жаркылдаган жарлары туруп, жолдон адашып бири өлдү, бири зорго көр оозунан кайтты", - деп ойлонуп, кейип ээгин "шып" эттирип алды Жамийла. Жапаркул менен Гүлзана көпкө отурушту да, Шайырга кайрат айтып, үйлөрүнө жөнөштү.

Бул убакта жакшынакай эле жүрүп, Калима менен Урматкан өз үйлөрүндө төшөк тартып жатып калды. Калима жалгыз турчу, бир туугандарын чакыртып, врачка алып бармак болгондо:

- Жо-ок, мага врачтын кереги жок, киши көрө койчу чоң апамды алып келип койчу жаныма, - деди алсыз.

- Ошо киши эмнени билмек эле? Кызыксыз, картайган неменин пайдасы, караан эле болбосо, - деп иниси жактырбады.

- Мейли, жок дегенде караан болсун, - Калима дагы, бир сөзүнөн танбай жатып алганда, аргасыз Бүбү кемпирди алып келишти. Ал төлгө салып эл көрчү, бала-чаканы көрүп дарымдачу. Ал келип Калиманы көрүп, тамырын кармады да:

- Ай-ай кызым ай, шылуун келиндер дубалаткан тура. Төрт адам жабыр тартып, бири өлгөн экен, дагы шүгүр де кызым сен сакайып кетесиң, дуба жанган, - деди.

- Ким өлүптүр? - Калима көздөрүн алайта суроолуу тигилди.

- Ким билет, бир эркек өлүптүр, өтүшүп кеткен.

- Кудай ай, ким жасатышы мүмкүн?

- Билбейм кызым, эки келиндин түспөлү көрүнүп, көрүнбөй күңүрт болуп жатат, сыягы кайра ошолор жандырткан, - деди Бүбү кемпир төлгөсүн тартып жатып, - Эми кайтарма ич, жакшылап дем салдыр, дубанын салдары калса оорукчан болуп каласың, - деди эле Калима:

- Менин жанымда болуңузчу, корком эне, менин жанымда болуңузчу, - деп ыйлап ийди: "Жаман жолду басып, кудайга күнөөкөр болдум, кечире көр кудайым, дагы бирөөлөрдүн убалына калдымбы, кимиси өлдү деги?", - деп ойлонуп отуруп, бир инисин Урматкандын үйүнө жиберди.

Жабир келгенде Урматкандын жанында Гүлбү отурган.

- Саламатсызбы эже? - деп кирип келди ал.

- Кел-келе гой, сен кимсиң? - деди Урматкан араң сүйлөп.

- Сизди Калима эжем чакырып жатат.

- Кайдан барам, өйдө турууга алым жок, өзү келип кетсинчи.

- Ал дагы ооруп, туралбай жатат.

- Эмне дейт, качантан бери?

- Көп болду, ооруканага алып баралы десек, көнбөй койду.

- Капырай, бизге эмне болду? - деп ойлуу жатып калды Урматкан.

- Машина бар эже, эптеп өйдө болсоңуз эле, салып алып кетем.

- Гүкү, мени өйдө кылчы айланайын, - дегенде Гүлбү аны колтугунан жөлөй өйдө кылды эле, бир жагынан Жабир көтөрдү да, эптеп алып чыгып, машинага отургузуп алып кетти. Алар келгенде, Калима бир аз өйдө болуп отурган. Бүбү кемпир көрүп эле:

- Эк кокуй ай, жаштыгыңар-жамандыгыңар, шоктугуңар-шоруңар болгон тура, азыркы жаштар өлөөрүңөргө гана карабайсыңар, - деп наалып кирди, - Дагы багыңар бар экен, дуба жанган, эгер өтүшүп кетсе жаман болмок. Бир жылга жасалыптыр, денсоолугуңар жакшы экен, көтөрүп кеткен экенсиңер, - деди сүйлөшүп.

- Эмне болду? - Урматкан сүйөнүп турган бойдон сурады.

- Бизди Шайырлар дубалатыптыр, - деди Калима.

- Койчу?

- Койбой эле, өлсүн деген экен, экөөбүз эле эмес төртөөбүздү тең, Өмүрбек менен Жапаркулдун кабарын сен билбейсиңби?

- Жо-ок. мен кайдан билем?

- Анда бири өлүптүр, коркуп күйөөлөрүн алып калмакка дубаны кайра жандырышыптыр…

- Кыз-зык, - Урматкан таңгала карап, анан, - Буттарым талып кетти, бир аз жатайынчы, - деди эле, анын алдына төшөк салып, башына бийиктеп жаздык коюп берди, - Өх, эми эмне кылабыз, мен баламдын айынан эле ооруп калдым деп жатпайынбы?

- Жо-ок кызым, эми өзүңөрдү-өзүңөр сактагыла, чоң молдолорду таптырып окутуп, дем салдырбасаңар болбойт, - деди Бүбү кемпир.

- Ошого болобу, айыгып кетебизби анан?

- Кудайдан үмүтүңөрдү үзбөгүлө, хадиса окуган бир молдо бар мечитте, ошого жакшы дем салдыргыла.

- Жакшы болуп кетсек гана? - деп Калима чалкалай көзүн жумду. - Башым айланат, шайым кетет, каным азбы деп ойлогом…

- Мен баламдын азабынан ойлонуп ооруп калдым деп ойлоп жүргөм, балам жети жылга кесилип кетпедиби, - деп Урматкан ыйламак болуп, ыйлай албай турду, муңканган үнү кардыга түштү, - Жесир болуп бир азап тартсам, балам минтип…

- Кейибе кызым, жазмыштан качып кутула албайт пенде. Андан көрө тездеткиле, дем салдыргыла, - деп Бүбү эне айтканда, дасторкон жайып, Жабирдин аялы чай койду.

Калима менен Урматкан эчтеке иче алышкан жок.

- Эчтеке баспайт жүрөгүмө, - деп Урматкан ордунан козголду, - биз кетели, Гүкүнүн дагы баласы бар, ыйлап калып жүрбөсүн.

- Силер аялсыңар, эркектерге караганда, аялдар анча-мынчаны тогото бербеген күчтүү болушат, болбосо эбак жылбай калмаксыңар, анан дагы төгүлгөн дубаны азыраак баскансыңар, - деди Бүбү кемпир. Урматкан үйүнө келип алып, аябай ойлонду, анан үйүнө молдо чакыртып дем салдырмак болуп, бир тоогун Дамирге сойдурду да, отко асып коюп, молдого жиберди. Дамир он экиге чыгып калган, мечитке барып чакырып келди, Урматканды көрүп эле билди, бирок үндөбөй дем салды, анан кетээринде:

- Балам, дагы үч жолу дем салам, анан айыгып кетесиң, жеңил экен, - деди.

- Кудай жалгасын аба, айыгып кетсем эле, болду эле…

- Айыгып кетесиң, шыпаасын кудай өзү берет балам, - деп жөнөп кетти..

Хадисачы молдону ошол эле учурда Калиманын иниси күтүп туруп, салып кетти. Ошондо гана молдо:

- Бул дубанын кара күчүн цыгандардын эң кыйыны окуучу эле, таңгалычтуу ушуну менен үч адамдан бир эле дубанын күчүн көрдүм, шариятта мындайды жандыруу сооп, жасоо абдан күнөө, силердин бул ооруңарды жасаткан аялдарды да көз алдымдан өткөрдүм, демек өтө опурталдуу ишти баштан өткөргөн экенсиңер, эгер жандырбаганда силер өлмөксүңөр, - деди да шарияттын жолдорун айтып отурду.

Ошентип, дем салдырып, үйлөрүн ысырыктап отуруп, жакшы болуп калышты, өз тиричилиги менен алышып, аман-соо калгандарына тообо кылып, жакасын кармашчу болду. Өмүрбектин өлгөнүн кийин гана билип, үйүнөн куран окуп койду Калима. Урматкан экөө, ара чолодо бири-биринин ал-абалын билмек болуп катышып калат, намазга жыгылып, кетирген кемчиликтери үчүн кудайдан кечирим сурап, беш маал намаз окуп калышты. Шайыр болсо балдары бой жетип, улуусу аскерге кетип, калган балдары жумушун жасап үйүндө.

Кээ-кээде Өмүрбек Калиманын түшүнө кирип, ага үндөбөй карап да койбой үй ичинде аркы-терки басып жүрө берет. Коркуп куран окуп, кечирим сурап ыйлап да алат, бирок тирүүчүлүктүн түйшүгү токтоп калмак беле, өз ишине аралашып унутуп да калат. Бай турмуш, жай турмуш өз ыгы менен өтүп жатты. Урматкандын Темири жети жылга түрмөгө түшкөн бойдон ага бара албады, Замири болсо иштейм деп кеткен бойдон кабары жок, үч баласы менен тиричилигин өткөрө берди, ойлогон менен балдарына барып келе албады. Гүлбүнү жанына алып, кээде базарга чыга калчу болду. Кызы чоңоюп, кол арага жарап калган. Дамири андан, ошентип ит турмуш, көр турмуш деп, оокат тиричилиги өтүп жатты. Гүлбү ызаланганы кетип, уулун багып, оокатка эт бети менен киришкен. Нурсейит талпынып жөрмөлөп калган.

- Нүкү, кана келчи мага, - деди Жумагүл көтөрүп жүргөн уулун.

- Бар, бара гой, апага барчы, - деп Жумагүл колун өйдө кылды.

- Бу-ув, аба-аба, бу-ув, - деп талпынып калганда, Гүлбүнүн эбедейи эзиле өпкүлөп жатты.

- Ырысым го менин, аскар тоом го?

- Оо, кызым уулун аскар тоо кылып, атаны унутуп калган го? - деп күлүп, келе жатты Турдубек, - Мени таарынтып алдың кызым. Силерди көргөндө апаң экөөбүздүн да кубанычыбыз койнубузга батпай эркелетип, бирибизден-бирибиз талашып жатчубуз.

- Ата, кечирип коюңузчу, сизди байкабай калбадымбы? - Гүлбү кызара уялып кетти.

- Бул райкомдун тукуму, өз уругун тартып тоң боор, керсейме болуп чыга келет: "Жээн эл болбойт, желке таз болбойт", - деген сөз төгүн жерден чыкпайт.

- Ошентсе деле менин балам да, ата.

- Аның ырас кызым, уулуң үчүн сен дагы табылгыс байлыксың, эне бала үчүн ошондой, райкомду шаарга барып, атасын таанытам, - деп ачуулана кетти. - Тапкан экен, алдап кетчү кишини.

- Мейли ата, балам аман чоңое берсе, бир кабары болоор, - деп Гүлбү дагы ары басып кетти.

Ал атасынын ачуусу келгенде, ар дайым ушундай. Ойлонуп туруп, Турдубек кайра кеткенден кийин почтага жөнөдү, баягы офисинин телефон номерин алды да, чалып көрмөк болду. Телефондун кулагын бурап, кабинанын эшигин бекем жапты да, трубканы тыңшап турса.

- Алоо, угуп жатам, - деген тааныш үн угулду.

- Алоо, кандайсың Исабек, мен Гүлбү…

- Аа-а, кандай өзүңөр, жакшы жатасыңарбы? - Бош үн катты.

- Биз сени күтүп жатабыз, уулуң ата-апа деп калды.

- Жакшы-жакшы.

- Аты Нурсейит.

- Аа-а жакшы-жакшы.

- Качан бизди алып кетесиң, же унутуп калдыңбы?

- Жо-жок бошобойт, жол алыс, өзүң билесиң да…

- Анда биз баралы.

- Жо-ок, шашпа, өзүм барам, - деди да, трубканы коюп койду.

- Алоо, алоо дейм, ало-о, - деп Гүлбү кала берди.

"Акмак, бул жөн гана алдаган экен. Шаарга барып алып шермендеңди чыгарып сотко да берип, кызматыңдан алдырбасамбы", - деп алды да, кабинадан чыгып, телефондун акысын төлөп, үйүн көздөй кетип жатты. Көкүрөгү толо ызага толуп, көзүнөн жаш кылгыра, жерди тиктеп кете берди. Үйүнө келип, баласын эмгизип, уктатып коюп, Жумагүл экөө жумуш жасап жатты. Канатты шаарга жөнөтмөк болуп жатып, ак баракка кат жазып берди, каттын мазмуну мындайча: "Исабек, салам. Нурсейит экөөбүз жалындуу ыссык, сагынычтуу саламыбызды айтабыз. Бизди сен унутсаң дагы, сени биз унутпайбыз. Анткени этегимди биринчи түрүп, этиме колуң тийген, кыз кылыгымды көргөн сен эмес белең! Эгерде мага окшогон алсыз кыздардын тагдыры сен үчүн эч нерсеге арзыбаса, анда биздин бар-жогубуз сени кубандырбаса деле керек? Мендей эчен кыздан калган балдарыңдын тагдыры не болоорун ойлоп койбой, көзүңө көрүнгөн кыз-келиндер менен убактылуу махабаттын кулу болуп жүрө бергениңе жол болсун?! Эгерде азыраак намыс-арың, уятың болсо, жан дүйнөсү жараланып, канаты кайрылып, жүрөгү музга тоңгон чаарчыктай дирт-дирт этип, жашоодон үмүтүн үзгөнү турган бир селкинин адамдык сезими күчтүү экенин сездиң бекен? Балким сезип турсаң да, сезгиң келбегендир, сендей адамдын өлкөсүн сатып ийээри да, турган иш экенин мен сездим. Эмесе акыркы сөзүм, эч качан өлбө, өз элиңен жатыркап качып, ылайым башка элдин босогосун сагалап кал, элиңдин-жериңдин чегинен өтүп, өлүгүң атаң тааныбаган жерде калсын!!! Гүлбү Турдубек кызы", - деп туруп, Канатка берип ийди. Канат аны Бишкекке келээри менен сураштырып туруп, Чүй облусунун акиминин имаратына келди да, катчы кызга карматты. Ал берип коерун айтып, алып калды. Эртеси катты окуган Исабек Мусаевич катчысын чакырды.

- Агай, чакырдыңызбы?

- Катты ким берди? - деди кабагына кар жаай Мусаевич.

- Аа-а, бир жигит, а эмне…

- Уруксатсыз эч нерсе албагыла, кат болсо дагы.

- Жарайт, Исабек Мусаевич, кечирип коюңуз.

- Бара бер! - деп койду.

Катчы кыз эч нерсеге түшүнбөй, чыгып кетти.

- Акмактын жазганын кара, сендей кыздардын далайын тебелегемин, тебелей берем, мынабу дөөтүдө отурганда сенин көз жашың менин "суума" татыбайт! - деп ордунан туруп, ары-бери басып жатты.

Чынында, еврей аялы аны кое бермек эмес. Мария аны кое бермек эмес. Ошону ойлоп кыжаалат болуп отуруп: "Эми мен Эльвира мененмин, Гүлбү деген ат менин жан дүйнөмдөн эбак өчкөн", - деп ойлонуп телефонду бурады. Тү-үт этип, көптө барып, назик үн угулду:

- Алоо, угуп жатам.

- Эля кандай, бүгүн жолугалычы, зеригип кеттим.

- Жарайт.

- Баягы жерден.

- Макул.

- Көрүшкөнчө, өбөмүн секет!

- Күтөм, - деди назик үн наздуу.

Исабек Мусаевич кудуңдай жат келиндин жумуру аппак сандарын, аппак денесин көз алдына элестетип, иш кагаздарын жыйнады да, кабинетин кулпулай сыртка чыкты. Катчы кыз ордунан тура калды:

- Мени сурагандарга бүгүн иштебейт, - деп кой, - деди да чыгып кетти.

- Исабек Мусаевич, сизге бул кагазды кол койдурмак элем…

- Эртең, - деп койду Мусаевич.

Катчысы ийинин куушурган бойдон кала берди. Исабек Мусаевич болсо машинасын өзү айдап, айдоочусун бошотуп: "Эртең кел", - деп коюп зыпылдата айдап, кең көчөдө кетип жатты.

Эльвира жасана кийинип алып, жарык кең, салкын бөлмөгө кирип алып күтүп жатты, улам күзгүгө каранып коет. Бул бөлмөдө Эльвира менен Мусаевич далай күн-түндөрдү өткөрбөдүбү. Бала-бакчасына миллионду сарптап, спонсор дагы болуп берди. Ойлонуп отуруп, өзүнүн ушул адамга макул болгонуна кубанып да кетет. Азыр анын колдорунда жалаң кыргыз алтындары, моюнунда кымбат баалуу кош чынжырча, кулагындагысы андан бетер дароо эле көзгө көрүнөт. Сааты эки миң доллар турат. Бир кезде машина келип токтогондой болду. Боюн түзөй, оозуна помаданы сүйкөп, чачын оңдой күтүп калды. Аңгыча эшик ачылып, Исабек Мусаевич көрүндү, Эльвира чоюла жетип барып, кымбат баалуу атырдын жытын буруксута мойнуна асыла кетти.

- Салам!

- Салам көгүчкөнүм, күтүп калдыңбы?

- Анча эмес.

- Иш кандай?

- Жайында.

- Молодец, азаматсың көгүчкөнүм.

- Сизге өзүм дагы жолукмак болуп жаткамын, аңгыча сиз чалып, калбадыңызбы?

- Кандай иш менен?

- Өтө кооптуу, мен үчүн да, сиз үчүн да…

- Ал кандай иш экен? - диванга отуруп жатып сурады.

- Балким сизге жаман угулаар…

- Эмне үчүн?

- Себеби, сизди кызыктырбайт деп ойлойм.

- Маалкатпай айта берсең, чогуу көрөбүз.

- Менин боюмда бар экен…

- Эмне-е?

- Ошондой, сизге жакпасын билгем…

- Жаккан жок деп айта элекмин.

- Чоочуп кеттиңиз.

- Сага ошондой сезилсе керек? - деген Исабек Мсуаевичтин көз алдына Гүлбүнүн жазган каты келе түштү, - Демек эмне кылайын дейсиң?

- Сизге байланыштуу…

- Бу аялдар баланы бетке кармагыңар келе берет, менин сага үйлөнө албасымды билесиң да?

- Билем.

- Анда бир чечимге келсек.

- Кандай?

- Алдыр.

- Эмне дейсиз, мен денемден жарып чыккан баланы алдырат бекенмин?! Жо-ок, мен алдырбайм! - деди да отурган жерден тура калды.

- Анда өзүң бил, билгизбей төрөсөң жардам берем, баарын өзүм даярдайм, болгону балага атымды бере албайм.

- Болуптур, туруктуу үй керек.

- Болот ал, - деп Исабек Мусаевич колунан алды.

- Сүйлөштүк анда, - деген Эльвира унчукпай Исабектин колун кага албай отуруп калды.

- Кел эми, койчу көгүчкөнүм, - деп Исабек Эльвираны имере кучактап, жыттуу моюнунан өөп, диванга жыкты, - Канча болуптур?

- Эки ай.

- Али көп бар турбайбы, ойноп-күлүүгө убакыт бар экен да, - деди күлө карап, - Заказ бердиңби, көгүчкөнүм?

- Жок.

- Анда азыр, - деп туруп барып, телефонду бурады, - Алоо эки жүз жыйырма төртүнчү бөлмөгө тооктун эти, суусундук менен импорт вино! - деди да, трубканы коюп койду.

Ал түнү экөө диван үстүндө ат чабышка түшкөндөй башынан аягына сүргүлөшүп, кумардан чыгышты. Таң агара Исабек жөнөп жатып, анын жанына отурду:

- Кандай кылабыз? - деди ага Эльвира.

- Эртең бир бөлмө үйлүү болосуң.

- Чынбы? - Эльвира кубанычтуу Мусаевичтин мойнуна асыла кетти, - Эми өз үйүбүз болот экен да?

- Сөзсүз, күндө эки саатка жаныңда болом, а то Мария билип калса, тынч койбойт.

- Сиз аны сүйбөйсүз да, ачык айтсаңыз болбойбу?

- Болбойт, анын кандай аял экенин билсең минтпейт элең.

- Ошончолук эле ачуулубу?

- Укмуш.

- Анда сөзсүз ажырашышыңыз керек!

- Андай болбойт, балдарым атып салат.

- Кантип? - Эльвира көздөрүн чооң ача, оозун баса калды.

- Ошентип эле…

- Ма-акул, шашып турасыз, жакшы барыңыз.

- Көрүшкөнчө, көгүчкөнүм.

- Жалгыз сиздин гана көгүчкөнүңүз болсом гана? - Эльвира улутуна отуруп калды.

- Булар баары ушундай, кызматынан пайдаланып гана жашаганды билишет, - деп отуруп калды Исабек Мусаевичтин машинасынын кеткени угулганда.

Ошондон баштап ал бир аз кысынчу болду, анан бала-бакчага сиңдисин коюп, өзү үйдө болуп калды. Ата-энесине айтуу эмес, билдирүүдөн коркот, намыстанат, аргасыз төрөп алууну туура көрдү.

Исабек Мусаевич кабинетте ойлуу: "Эмнеге аялдар дароо эле боюна болтура коюшат же атайын бала менен кармап калыш үчүн ошентишеби, же итче төрөй береби? Убактылуу ойноп-күлөйүн десең эле боюмда бар деп чыга келишет, эсиңди оодарышат тим эле. Гүлбү таза, назик, нак кыргыз кызы эле, аны шаарга алып келе албадым. Николай аны билип калса түз эле өлтүрүп салат. Эльвира сулуу келин, мунун аялдыкка алууга болбойт", - деп отурду. Анан ордунан туруп барып терезеге келди. Негедир күндө, эшигин тындырбай келип жатчуулардын бири жок, саатын карады: "Он экиде келмек", - деп койду, дагы жарым саат бар экен. Астындагы кагазга үңүлдү. Нарко бизнес менен кармалган жигиттин атасы Ошто иштеп турганда жакшы тааныш эле, ошол жардам сурап келген экен. Бир кезде катчы баш бакты:

- Исабек Мусаевич, сизге киши келди.

- Кирсин.

- Жарайт, - Катчы башын тартып алаары менен салабаттуу адам көрүндү:

- Ассалоому Алейку-ум аксакал, денсоолуктарыңыз дуруспу, иштер жайындабы? - Кош колун сунду.

- Аллеки, келиңиз-келиңиз, - Исабек Мусаевич кол жаңсай, орундук көрсөттү, - Отуруңуз.

- Рахмат-рахмат, келип калдык, баягы эле иш боюнча, иш чатакка айланды, бул боюнча көп жылга кесип жиберет го, жардамың керек, Исаке! - деп ордунан тура калып, конвертти Исабек Мусаевичтин алдына жылдырды, - Бул алдын ала чай пул Исаке, эгер баламдын башын аман алып калсак, анда бир жылкынын пулу…

- Оо Асаке, жөн эле койбойт белең, биз бири-бирибизге керек адамдарбыз, колдон келген иш болсо аябайм, - деди да, конвертти китепченин ичине салып коюп, телефон чалды.

- Азыр Исмадияровдун карамагында, ошол кычыратып жатат, - деп Асакеси шыбырай койду.

- Алоо, бул Исмадияров бекен? Аа-а кандай Боке, мен бир болоор-болбос иш менен кайрылып жаттым эле, тиги-и, - деп чалкалай каткырып калды, - Ооба-ооба, ошол жигит, анын эми бир аз гана ошибкасы бар экен, мындайдын эченин жаппадык беле, ооба ошент, кагаздарын карап көр да, бир шылтоону тап, болбосо бирөөгө жаба сал, ооба да, бир гана сөз… Мейли анда, эртең чалам! - деп трубканы койду, - Мына Асаке, кудай буйруса бүттү, делосун карап көрүп, бир жуманын ары жак, бери жагында бошойт, - деди Асакени карай.

- Рахмат Исаке, сага ишенип келгемин да, сенин колуңдан келээрин жакшы билем, - деп кубанып кетти Асаке.

- Кам санаба, бул жашоону колдон келишинче чимирип жатабыз го? - деп керсейип койду Исабек Мусаевич.

- Туура, ошону үчүн сени издеп келбедимби, эмесе мен барайын, буйруса уулум бошогондо келип калам, - деп коштошуп, кабинеттен чыгып кетти.

- Аз-зама-ат, буларды минтпесек, ата-тегин тааныбай кетишет, чөнтөктөрүн кагып туруш керек да, - деп Исабек Мусаевич мыйыгынан жылмайып койду.

Ошол күнү ал телефон аркылуу гезиттердеги сатыла турган үйлөрдү карап көрүп сүйлөштү да, андан кийин Эльвирага чалды. Эльвира угаары менен телефондон кубанып жатканы билинип турду.

- Үйдү экөөбүз көрүп келели, эгер жакса сөзсүз сеники!

- Болуптур, күтөм, - деп трубканы койду Эльвира.

"Эмне экен, жаман менен түбөлүк жашап, кор болгончо, жакшы адам менен бир түнөп, тукум алып калганым жакшы, үйлүү болуп алсам, жашай берем, кызмат ордунда турса, таштап коймок беле, өмүр бою багат да", - деп курган кыз толкунданып жасанып-түзөнүп жатты. Буруксуган атырды себинип даяр турган, бир кезде машинанын үнүн угуп, чыга калды. Экөө эрдүү аялдардай эле өбүшүп, анан үйдү көрүп келмекке жөнөштү. Эки бөлмө үй Эльвирага жакты: "баасы кымбат деп айнып коебу", - деп Эльвира чочулады, бирок Исабек Мусаевич шар кетти:

- Эгерде үй бизге жакса, дароо алабыз.

- Көргүлө, - Үй ээси бөлмөлөрдү кыдыртып, көргөзүп жатты.

- Кана, сага жактыбы? - деди Исабек Мусаевич Эльвираны карай жылмайып.

- Жакты.

- Анда алабыз! - деди да сүйлөшүп коюп, жолго чыгышты, - Эртең келип кире бер, калганын мен бүтүрөм, паспортуңду мага бер.

- Болду, сөз жок, - деп Эльвира эркелеп, Исабек Мусаевичтин ийинине жөлөнүп, күлүмсүрөп койду. Анан экөө кайра баягы үйгө келип заказ берип, тамактанышты да, диванда кучакташып, өбүшүп, көпкө жатты:

- Эльвира, ыраазысыңбы?

- Абдан.

- Мени сүйөсүңбү?

- Жаным менен.

- Күйөөңө сүйүп чыктың беле?

- Сүйлөшүп чыккам.

- Сүйгөн эмес белең?

- Сүйсөм ажырашпайт элем да.

- Чын сүйүүгө ишенесиңби?

- Жо-ок.

- Эмнеге?

- Жашооң ойдогудай болсо, сен жактырган адам жаныңда болсо, андан башканын кереги эмне?

- Демек, чын жүрөктөн сүйүп көргөн эмессиң.

- Жок! - деп койду Эльвира.

- Анда мени сүйчү!

- Сиздиби? - Эльвира башын көтөрө, жүзүнө үңүлө карап калды.

- Ооба, мени сүйчү!

- Экы!

- Эмнеге? - Исабек Мусаевич таңдана карады: "Эмнеге мени сүйгүсү келбейт же эптеп үй алдырып алып эле зуу койгону туурабы", - деп ойлоп ийди арамдана.

- Анткени мен сизди жакшы көрөм, жүрөгүм менен жакшы көрөм, эч адамга теңебейм! - деп чын дили менен бажырая карап, өөп койду.

- Чынбы?

- Ананчы, - Эльвира ойлуу Мусаевичти көздөрүнө карады, - Билбейм, балким ушул сүйүүдүр, сизди көргүм келе берет, эгер көрбөсөм, чыдай албай кетем, телефон чалайын деп жумушуңуздан алаксытамбы деп тартынам…

- Көгүчкөнүм, кептерим менин, эркетайым десе, сени өзүм дагы катуу сүйүп, баратам окшойм, - деп куурчактай келинди, баса жыгылып өпкүлөп жатты, турумтайды бүркүт басып калгандай эле болду.

- Менден башка көгүчкөнүң жокпу?

- Жок, эмнеге минтип сурадың?

- Кызганам.

- Койчу, ырас элеби?

- Чыпа-чын.

- Эркетайым, мага ишенбейсиңби?

- Ишенем, кээде ишенбей да кетем.

- Азизим, ишен мага, азыр аялым менен сенден башка эч кимим жок, ошондуктан азыр сен гана менин көзүмдүн карегисиң, - деп дагы көпкө ооналактап жатышты.

Кээде Эльвира: "Ушул мүнөттөр эч качан бүтпөсө ээ, бир кезде жигиттердин көз карашына зар болуп, өткөндү гана эстеп, бактылуу жылмайган курак келет, ошондо кандай адам жанымда болот, балким жападан жалгыз калаармын", - деп ойлонуп кетчү. Азыр дагы: "ушул ырахат тартуулаган мүнөттөр өтпөсө экен", - деп оозунан соргон Исабек Мусаевичти бекем кучактап алган.

- Эля.

- Оов.

- Сиз дебей эле койчу.

- Неге?

- Сиз десең ортобузду бир нерсе алыстатып тургандай болот.

- Кантип айтам?

- Сен деп эле айта бер.

- Маку-ул, - деп кайрадан мойнуна асыла кетти, - Качан сен менин менчигим болосуң?

- Оюнкарааксың ээ? Тентексиң…

- Өтө эрке болчумун.

- Көрүнүп турат.

- Эми качан жолугабыз?

- Өзүм чалам.

- Ма-акул, - деди да унчукпай жатып калышты.

Түнкү он эки ченде Исабек Мусаевич ордунан туруп кеткенин сезбей уктап калды ал. Ойгонгондо, жанында жок эле, анын жаткан жерин сыйпалай, улутунуп алды: "Эч качан меники болбойсуң, менден башка канчанын башын тегереткениңди кайдан билем, мен сен үчүн көп ургаачынын бириндеймин, калган күнү кала берем, анан зарыгып күтөм", - деп жаткан жеринде көзүнүн жашы сызылып, жаздыкка куюлуп жатты. Ошол күнү ал бала бакчага барса, сиңдиси Элмира отуруптур. Экөө көпкө сүйлөшүштү, бирок Эльвира сиңдисине ички сырын айта албады:

- Эже, сизди атамдар келип кетсин дептир.

- Ким айтты?

- Кечээ сизди издеп таппай койдум, байкем келиптир.

- Жөн-жай элеби?

- Кайдан билем, барсын деп кетти, балким күйөө таап койгондур? - деп Элмира күлүп калды.

- Андай болсо, барбайм.

- Тамашалап койдум, балким апам сагынгандыр.

- Кол бошобойт, убактым жок, сен барып кел.

- Жо-ок, менин дагы убактым жок эжеке, өзүңүз эле барып келе калыңызчы, - деп Элмира болбой туруп алды.

- Долбоордун жообу келдиби?

- Жок, пока келе элек.

- Келсе айтасың, мен кеттим, - деди да жөнөдү.

Ал келгенде, телефон чырылдап жатыптыр, турбканы алды да, - Угуп жатам, - деп үн салганда, Исабектин үнү угулду, - Аа-а сизби, мен азыр эле келдим, кайда, макул барып калам, болуптур анда, угуп жатам, - деп шашыла бөлмөдөн чыкты.

Ошол күнү Исабек Мусаевич үйдүн ачкычын колуна берип, көчүрүп барды, эки бөлмөлүү, таза заңгыраган үй анын өз менчиги эле. Ошондон кийин көп өтпөй эле Исабек Мусаевич ордун которуп, ак үйгө кеңешчи болуп кетти, телефону да которулду, ошентип Эльвира андан үмүтүн үзүп, өз тиричилигин өткөрүүгө аргасыз болду. Иштеген жериндеги, мурунку батириндеги телефондордун чырылдашын, чакырып жолугушун зарыга күттү, бирок эч дайын болбоду: "Мен Исабек Мусаевичтин кимиси элем деп барам, атайын жоголду, мейли баламды эптеп төрөп алайын, кудай бир кездештирээр", - деп ыйлап-сыктап кала берди.

Исабек Мусаевич ыргыткан ташы улам өргө карай кулап баратканда кудай теңирин тааныбай баратты. Ак үйгө кеңешчи болгондон бери Мария менен балдары ага жакындап, кайда болсо кайтарууга алчу болду. Николай түздөн-түз эле бир күнү:

- Токтот ата, эгер апамдан бөлөк аял алуу оюңда болсо, мен экөөңдү тең атам, - деди кабагын сала муштумун түйө.

- Эмне деп жатасың, апаң экөөбүз качантан бери бирге жашабайбыз, сен кандай түшүнбөйсүң? - Исабек Мусаевич ачууланып бурк этти, - Силер эми чоңойдуңар, биздин жашоого киришпегиле!

- Эмнеге киришпейт? Сен мени шылдыңдап жатасың, балдарыбыз турса, башка аялдарга көз артып, - деди Мария өңү кумсара, - Мен сенден оңой эле кала бербейм, кудай буйруса келээрки шайлоодо утуп кетсең, бүт өлкө биздин колубузда болот, ошондо сен эмес Николай башкарат, көрөсүң кыргыздарды кол алдыбызда чимирилтебиз, ансыз дагы ишенчээк, көңдөй баш кыргыздарды жок кылып, мына бул өлкөнү еврейге айлантам! - деп Мария сөөмөйүн чычайтып, Исабек Мусаевичтин көзүнө алып барды, - Уктуңбу, биз жеңебиз!

- Көзүңө кара, Николай кыргыз тукуму, сен баланын дитин бузуп, пейилине кара так салба, кыргыз эч качан жоголбойт! - деди да, Исабек Мусаевич жиндене чыгып жөнөдү.

- Эсиңде болсун ата, келээрки шайлоодо утуп калсак, сен мага каалаганымды жасоого уруксат бересиң! - деди Николай анын артынан.

- Дили катуу сволучтар, жашаганга дагы мүмкүнчүлүк беришпейт, мен өзүм билем кандай жашашты, эми башка балдарым үчүн жашашым керек, - деп кадамын ылдамдата ачуулуу машинасына отурду.

Көз байлана баягы үйгө келсе, Эльвирадан дайын жок, үйдүн терезелеринен жарык көрүнбөйт, ошентип таппай калып, ресторанга келип, төрдөн орун алды. Суйкайган кыздар ага чимирик айлана тамак ташып, коньяк алып келишти. Алардын ичинен Асел жагып калды. Коньяк ичип отуруп, Ордолуу Ошто жүргөндөгү Шарипаны, Тогуз-Тородогу Гүлбүнү, Нарындык Эльвираны эстеди. Шарипа төрөгөн эмес, бирок сулуулугу башкача эле, атайылап кол менен жасагандай эле. Гүлбү бае, ички дүйнөсү таза, анык кыргыздын кызы болчу, Эльвира андан да башкача көрүнгөн. Эликтикиндей узун-түптүз буттары, ичке бели, бажырая караган көз карашы… Исабек Мусаевич оор улутунуп алды: "Жөнөкөй адам болуп, жөнөкөй гана үйбүлө күтүп, тынч жашаганга жетпейт тура, дини бөлөк аялга туш болуп, жашоодон тажап баратам, бирок кызматтан-кызматка көтөрүлүү менин максатым, сөзсүз өйдөлөгөн сайын, булар мени соо койбойт, Николай кара мүртөз, бирок балам үчүн орундатууга даярмын", - деп ойлонуп отуруп, жанына официантканы чакырды.

- Угуп жатам, сизге эмне керек? - деди узун бойлуу сулуу кыз.

- Мага сиз керексиз…

- Тамашанын биерде кереги жок, айтыңыз керектүүнү.

- Коньяк.

- Жарайт, - деди да кетип калды.

Исабек Мусаевич тарелкага блокнотунан барак алып, офисинин телефон номерин, аты жөнүн жазып коюп койду да, четке түртүп койду. Коньякты алып келген кызга:

- Ашыкчасын алып кете бериңиз? - деди баш көтөрбөй.

- Аш болсун, - деди да кыз кетти.

Көпкө отурду да, акырын чыгып, мейманканага жөнөдү, үйүнө баргысы келбеди. Эльвира экөө барып жүрчү бөлмөнү сурады эле, бош экенин айтты. Кирип диванга кийими менен жата кетти: "Кайда барат менин жашоом, жакында депутаттык шайлоо болот, буйруса жеңип чыксам", - деп ойлонуп, башы коньяк ичкенге тегеренип жатып, уктап кетти. Көзүн ачса, таң атып калыптыр. Шашыла турду да, жумушуна жөнөдү. Ал келип, эми кагаздарын карап жатканда, телефон шыңгыр этти:

- Алоо, угуп жатам, а-ай Мария, жумуштан алаксытуунун эмне кереги бар, түндө кайда болмок элем, жаш жигиттей тергейсиң да, ооба-ооба, азыр мага кишилер кирет, тынчымды алба! - деп трубканы коюп койду.

Өзүнчө отуруп, бир чечимге келмек болду: "Болду, токол алам, закондуу түрдө ачык алам, ушулардан тажадым", - деп ордунан турду. Иш кагаздары алдында, бир иши чала боло элек. Баары ойдогудай так болгону үчүн кызматтан улам жогорулап жатат, өз ойлору менен алпурушуп отурганда, телефон кайра чыр этти:

- Угуп жатам, а-аа Николай, сен эмне… Ким дейсиң? Тазабекти, анын кандай тиешеси бар, да-а бир тууганым дечи, сен бала өз жолуң менен болсоңчу, кайда, ээн жерге эмне бар? Түшүндүм, менин кызматыма апаң экөөңөр бут тосуп жатасыңар, билем-билем, болуптур барам, - деп ачуулуу трубканы коюп, шалк эте чалкасынан креслого жатып калды, - Булар мени соо коюшпайт…

Николай Исабек Мусаевичти шаардын четине чакырган эле, иниси Тазабекти дагы. Болжогон саатта жетип барса, Николай менен Тазабек сүйлөшүп туруптур. Машинасынан түшкөндө, иниси өзүн көздөй келип кол узатты:

- Салам.

- Салам, эмне жумуш? - Арыта турган уулун карап койду, ал басып келип, учурашкан да жок. - Чакырды, келип турам.

- Ата, мен сизге бир сөз айтам, ошого макул болосуз, иниңиздин алдында чечип алайын.

- Тазабектин кайсы ишке тиешеси бар?

- Болуп жатат, менин бизнесиме тиешелүү, керектүү дагы болгон ГЭСтерди менчик кылып алышым керек, буга иниңиз тоскоол болуп жатат.

- ГЭСти эч ким сатып алышы мүмкүн эмес.

- А сен сатып бересиң! - деп тикелей калды Николай ызырына.

- Өкмөттүкүнө кол салууга акым жок!

- Андай болсо ата-бала эмеспиз, - деген Николай чөнтөгүнөн пистолетин алып чыгып, Тазабекти карады, - Сенин ГЭСти өткөрүп алам дегениң чынбы?

- Мен менчик кылбай эле, начальник болоорумду айткам.

- Актанба, ага-ини сүйлөшүп алгансыңар, анан дагы бир сөз: Каныкейди мен алам, сен тийишпе!

- Эмне-е? - Исабек таңгала суроо узатты.

- Каныкейди каржылаганды токтот!

- Эмне деп жатасың, акмак?

- Ошол Каныкейди алуума тоскоол болбо!

- Николай, - деди Тазабек, - Сен атаңды эл алдында уят кылгың келеби, адегенде баары колго тийсин. Андан көрө унчукпай, колдоп турбайсыңбы, ушунчалык дагы кара өзгөй болосуңбу?

- А сен жаагыңды жап, мен кыргыздарды жек көрөм! - деп Николай тапанчаны Тазабекке мээледи.

- Та-арт! - деп Исабек Мусаевич Тазабекти тосо калганда, тарс деген үн чыгып, Исабек ичин басып отура калды.

Николай аларга карап койбой, машинага отурду да, жөнөп кетти. Тазабек агасын шопуру экөөлөп, машинага салды да, өздүк ооруканага алып барды. Ошол бойдон Николайдан кабар болбоду, Мария да келген жок, бир аз сакайган соң жумушуна жетти. Шайлоо жакындап калган. Шайлоо иштерин жүргүзүшүп, Тазабек экөө элди үгүттөөгө жакын санаалаштары болуп жүгүрүп жүрүп, бир топ байлык ич арадан чачылды. Мээнети кайтып жогорку кеңештин депутаттык мандатын да алды. Бул мансап анын аброюн ого бетер жогорулатты. Ошондо гана каржылап, концерттерин өткөрүп жүргөн он алты жаштагы кызга жетти. Жаш кызды кайда барса жанына салып, кайсы бир шаардагы көрүнүктүү жерден кафе барды ачып берди. Мунун баары жаш кыздын балдыркан денеси, сулуу жүзү үчүн эле. Эми ал келээрки шайлоодо президенттикке коймок болуп, азыртадан даярдык көрүп жатты. Президент менен жекече жолугушууга дачада отуруп, бетме-бет сүйлөшүп, араздашып калышты. Эки-үч жыл өткөндөн кийин анын мандатын алып, Ошко жөнөттү. Ага жини келген Исабек Мусаевич президентке каршы элди үгүттөп жатты. Оппозициянын лидерлерин колго алып, элдин кыжырын келтирген ушак сөздөрү таратты. Тунгуч президенттин болгон эле күнөөсү балдары менен аялынын алкымы, лапсиси болду. Ошондуктан, карапайым калк каршы чыгууга аргасыз болуп, 2005-жылы көтөрүлүштө эл жеңип алды. Ошондо, эл ичинен анча-мынчасы билбесе, көбү билбей да калды. Ак үйдү алып, Исабек Мусаевич такка отурду. Бирок, жыл айланбай ага дагы каршылаштар конституциянын жаңыланышына карап, кодулай баштап, бир жыл дегенде жүз миңдей адам кылкылдап, жаандын жааганына карабай, Исабек Мусаевичтин тынч түшүшүн талап кылып жатышты. Ошондуктан, аргасыз түнкү саат бирлерде убадасын берди, конституцияны өзгөртүүгө кол койду…

Бешинчи жылы дагы эл толкуду. Исабек Мусаевич жаш ырчы кызды алдына алып, эркелетип Оштогу белгилүү өзүнө тиешелүү дачада болчу. Эл акырындап, толкуп отуруп, жарылуучу шишик сымал ар жерде чогулуп жатты. Исабек Мусаевич андан корккон жок, буйрук менен өзүнө ишеничтүү адамдарды ар бир акимчиликке дайындады. Аларга ишеничи күч эле. Анын кабинетине катчысы баш багып:

- Исабек Мусаевич, сизге бир аял кирем деп жатат, - деди.

- Аты жөнү ким экен?

- Турдубекова Гүлбү.

- Киргизип кой.

- Жарайт, - деди.

Исабек Мусаевич ойлуу: "Эгер баламды ала келсе көрөйүн, болгон байлагымдан мураска берейин, бул орунда канчага олтураарымды ким билет", - деп ойлонуп отурганда, жети-сегиз жаштагы баланы ээрчитип, Гүлбү кирди. Бою узун, толмочунан келип, болуп-толуп турган сулуу келиндин өзгөргөнү билинип турду.

- Саламатсызбы?

- Саламат, кел Гүкүтай…

- Келип калдык, балаңызды бир көрүү үчүн да кайрылып барбадыңыз…

- Убакыт жок, капаланба Гүкүтай, убакыт жок, - деди да Исабек Мусаевич балага көз жүгүрттү, өзүнө куюп койгондой баланы көрүп, ичи жылый обдула берди, - Кел уулум, учурашалы…

- Бар уулум, атам каякта дебедиң беле, мына атаң.

- Эмнеге мага барбайт, башкалардын ата-энеси чогуу эле жашашат го? - деди көздөрү өткүр бала тартынбай.

- Кол бошобойт уулум, - деди да туруп келип, баланы эки карысынан ала, - Кел учурашалы, мен сенин атаң болом, - дегенде, бала анын мойнуна асыла кетти. Бир тынымга кучакташып турду да, анан сейфти ачты, андан пачка-пачка акчаны алып, - Бул сенин көрүндүгүңө, - деп Гүлбүнү карады, - Бул менин балам үчүн берген мурасым, баарын салып ал Гүкүтай, мен азыр кооптуу кырдаалда турам, баланы этиет кыл, - деп сейфтен дагы акчаларды алып чыгып, калың кара пакетке ороп туруп, Гүлбүгө жылдырды, - Салып ал, анан сүйлөшөлү.

Гүлбү тартынып, бир аз турду да, колундагы сумкасына салып, отуруп калды.

- Нурсейит быйыл экинчи класста окуп жатат.

- Жакшы-ы, убакыттын өткөнүн кара, кызмат-кызмат деп жүрүп, баарынан артта калып жатам, - деди да кагазга бир топ кат жазып Гүлбүгө берди, - Муну алып барсаң, балага күбөлүк берет, менин наамымдан аласың, эми тезирээк чыгып баргыла, кокус билинип калбасын, - деди шалдая.

- Жакшы калыңыз, - деген Гүлбү сыпаа гана коштошуп, ичи тызылдай, кабинеттен чыгып баратты.

Алар кетээри менен кайра камераны жандырып койду Мусаевич.

- Да-даа, демек менин уулум өзүмдөй курч чыгат, көзүндө бар экен, - деп күңгүрөнүп алды.

Сыртта Гүлбүнү Урматкан күтүп турган, көп кармалбай эле чыккан Гүлбүнү утурлай:

- Эмне болду, жакшы кабыл алдыбы? - деди шаша сүйлөп.

- Жакшы эле жеңе, жүрү кеттик, бир ээн жерге баралы, - деди да, Гүлбү дүкөндөрдөн карап, чоң кара сумка алып, унаага түшүп кетип жатты.

Урматкан түрмөдөгү баласына жолугууга келген. Экөө ээн жерге барып, акчаны сумкага салып жатканда, Урматканга үч таңылчакты берди:.

- Муну Темирге бир нерсе алып барыңыз жеңе, Нурсейит үчүн берди, мен эми шаардан там алайын да, баламды ушул жерден окутуп, адам кылайын, - деди.

Анан дареги жазылуу кагазды колуна мыкчый кармап: "Кечикпей барып алып коеюн, өз атасына жазылганы дурус", - деп ойлонуп жатты.

- Гүкү, сен эми айылга барбайсыңбы?

- Бир барып келем жеңе, атама кеңешейин.

- Анда экөөбүз азыр Темирге жолугалы ээ?

- Ооба, чогуу кетебиз, - деп ордунан туруп, жолго чыгышты.

Ошол эле күнү алар Темирге жолугушту, анын чыгаарына дагы эки жыл калган, баягы өспүрүм бою өсүп, кыл муруту өсүп, зыңгыраган жигит болуптур, түрмөдөгүсү эле болбосо, абдан тың, аз сүйлөп, көп ойлонуп адам болуп калгандай.

- Апа, кечирип кой, түйшүккө салып койдум, жаштык кылдым, - деп саз сүйлөдү.

- Кечиргенде эмне уулум, Замирден болсо дайын жок, же иштеп жүргөнү белгисиз, үйдө жүрсө деле ачкадан өлбөйт элек го, үч бала менен алышып, эптеп майда жандык күтүп алып, жашап жатабыз, - деп көз жаш кылып, отурду Урматкан.

- Темир, эми эсиңе кирип калыпсың, эми жакшы жүр, чыккандан кийин айылга барып, иштеп жеңеме каралаш, - деди Гүлбү.

- Айылга барганда түрмөдөн келген адамды кандай кабыл алат эже, андан көрө апамдарды айылдан көчүрүп келип алам, шаарда жашайбыз.

- Ээ балам, үй-жайды эмне кылабыз? - Урматкан уулун ормое карады.

- Аларды сатыңыз, мен бошонгуча шаарга келе бериңиз.

- Ботом, шаарда эмне менен жашайбыз, сен эле жашай бер, - деп таарына түшкөндөй болду.

- Апа, убакыт да бүтүп калды, сиз ойлонуңуз, мен чыккандан кийин өзүм карайм силерди, - дегенде:

- Убакыт бүттү, - деди кароолчу аларга.

Урматкан уулун эки бетинен өөп:

- Эми эсиң менен бол балам, жесир аялдын тарбиялаган баласы болдуң, аман бол, тезирээк арабызга кошул, - деди да, коштошуп чыгышты.

Гүлбү экөө ээрчишип, элитный дүкөндөргө киришти. Баласы менен өзүнө кымбат баалуу кийим-кече алып, мейманканага түнөштү ал күнү. Эртеси чогуу Тогуз-Торого жөнөп кетишти. Узак жолдо бирге бараткандардын ичинен Гүлбүгө бир жигит тийишип калды.

- Эжекеси, кай жерден болосуз?

- Тогуз-Тородон.

- Кызык, көрбөптүрмүн, шаарда турасызбы?

- Жок, айылда эле.

- Күйөөңүз сыртка чыгарбай, көлөкөдө баккан го? - Күлүп калды.

- Ошондой…

- Күйөөңүз ким деген, тааныймбы?

- Билбейм.

- Атын айтсаңыз.

- Исабек.

- Оо-ой тиги президент эмеспи?

- Аты уйкаш.

- Исабектин баары президент эмес дечи… бирок андайды мен тааныбайт экенмин.

- Ошондой боло берет, кээде кошунаңды деле тааныбайт эмессиңби? - Гүлбү күлүп койду.

- Чынын айтсам, мен көп жылдан бери шаарда элем, айылга келе жатканым ушул, абал жаман, бул кебетеси менен ажону аңтарып түшүшөт го, эл жаман көтөрүлдү, Таласта, Нарында, Ысык-Көлдө да эл көтөрүлүп жатат, Оштун эли көтөрүлүп келе жатышыптыр…

- Эмнеге?

- Светти кымбаттатып ийди, жерди сатып, сууну сатып, свети элге жакшы бербей жатат, баласы Николай болсо ГЭСти биротоло менчиктеп алды, - деди тигил билген-укканын божурап.

- Эмне, кайтарып алышмакпы? - деди Урматкан сөзгө аралаша.

- Сатылган нерсе кайтарылып алынмак беле, кырк тогуз жылга арендага берилди деп шылтоолошот, кырк тогуз жылга чейин ким бар, ким жок: "элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы", - деп ата-бабалар айткандай, азыр төрөлгөн балдар элүүгө чыгып, Мусаевдин ордунда болуп калышат.

- Туура, биз деле катышсак болот бекен? - деди дагы бири.

- Кыргызстандын жараныбыз, ар бирибиз өз жерибиздин намысы үчүн кошулушубуз керек, - деди мурунтан какшанып келе жаткан жигит.

- Алыс жердебиз деп эле эч катыша албайбыз, мен ошол жакта жүрүп дагы эч ким менен сүйлөшкөнгө убактым болгон жок, - деди кейий бири.

- Мен эл чогултуп, баралы деп келе жатам, жакында катуу уруш болот, Мусаевди жөн эле кууп чыгабыз деп жатышат, Кыргыз элибиз үчүн биз дагы салым кошуп коюшубуз керек го, ыя кандай дейсиз, эжеке? - деп Гүлбүнү карады.

- Туура.

- Көп сүйлөбөйт окшойсуз, - деди ырсая, - Илгертен сөз бар го, жаныңдагынын атын сура, атын уксаң затын сура деп, менин атым Айдар, сиздердикичи? - деп артка кайрылып сураганда:

- Урматкан, - деп өз атын айтты Урматкан.

- Гүлбү.

- Ырсаалы, - дешип таанышып алышты.

- Мына, жарым күн болсо да таанышпыз, ошентип, өлкөбүздөн тынчтык кетип жатат, ылайыктуу эч ким жок, жалаң бийликке жутунгандар жулкунуп жатат.

- Кыргыз момун калк элек: "бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат", - дегендей элди бузуп жатышат, жалаң байлык-байлык деп жулунгандар өлкөнү жарды кылып бүттү.

- Ээ биз эмнени жеңе алабыз, каратаман калк тынчтыкты гана каалайт, балээнин баары такты эңсегендерден чыгып жатпайбы?

Бул шыпылдаган жигит дегеле башкасына сөз бербей турган. Алар айылга жете берээрде дагы бакылдады:

- Эртең чоңдор келет, ошого адамдарды чакырып үгүттөш керек, биердеги чоңдор бийликти гана колдоп туруп алышат, андан көрө ар кимиңер бир-экиден адамдарга айта баргыла, бийликке каршы топ келет, өлкөнү оңдой турган убакыт келди дегиле, сатылган жер менен ГЭСти кайра өз колубузга алабыз.

- Биз айтканда эле чогула коебу?

- Айтып көргүлө, өлкөнүн жардылыгы элдин жакырчылыгына такап жатат, баягы Коммунизмге карай жол дегенди билесиздерби? - деди Айдар карсылдай күлүп.

- Сен кайда иштейсиң? - деди ага Урматкан.

- Мен партиянын өкүлүмүн.

- Партия деген көп, илгери бир эле партия бар эле, эми партиядан башың адашат, кайсынысы ишеничтүү, жоопкерчиликтүү экенин билбейсиң дагы, - деди Ырсаалы.

- Биздин партия эң күчтүү дагы, ишеничтүү - жоопкерчилиги чоң, Кыргызстанда: "Ата Мекен", партиясы алдыңкы партиялардан.

- Партбилетиң барбы?

- Бар, конечно! - деп Айдар төш чөнтөгүнөн кызыл билетти алып көрсөттү, - Дагы бир маселе, Исабек Мусаевичтин ушул айылда бир аялы бар имиш, билбейсиңерби ыя, баласы дагы бар имиш го? - деди салондогуларды бирден токтоло карап.

- Аны эмне кылат элеңер, же ал дагы бийликке тиешелүүбү? - деди Ырсаалы.

- Тиешеси бар-жогу мени кызыктырбайт, бирок Мусаевичтин андан башка дагы үч аялы бар дейт, кебетеси чукушат окшойт.

- Мусаевич биерде иштеп турганда мен шаарда элем, ошондой деп жүрүшкөн, бирок билбейт экенмин, - Ырсаалы чынын айтты.

Урматкан Гүлбүнү карады, ал айнектен сыртты караган бойдон эч нерсе укпагандай кете берди.

- Ошонусу чын болсо угат элеңер да, балким кызматынан пайдалангандыр, жашыруун канча аял менен жашаганын ким билет… - деп эч кимиси унчукпаган соң отуруп калды.

Аялдамадан Урматкан менен Гүлбү түшүп калды, экөө үнсүз ээрчишип келе жатканда, Нурсейит:

- Апа, менин атам сизди таштап кетти беле? - деди капыстан.

- Ыя? - Гүлбү колундагы сумкаларын кое коюп, уулун карап калды, - Ким айтты сага?

- Таштап кетпесе чогуу болмок да…

- Антпей жүр балам, ал президент болуп турбайбы, көрдүңбү кө-өп акча берди, сага ат алып берем, чоңойсоң машина алып берем, шаардан чо-оң үй алабыз, ошондо ал бизге келет, уктуңбу?

- Ма-аку-ул, - деп буруя алдыга жөнөдү.

- Бала да, эмнеге чогуу жашабайт деп ойлоп жаткандыр, - деп Урматкан Гүлбүнү жайкай сүйлөдү.

- Билбейм, сезими аябай күчтүү. Бирөө үйрөткөндөй сүйлөйт.

- Аман болсун, сенин бактың ушунда, элдей болуп, эч нерседен кемиген жоксуң, жашооңор элдин алды, балаң чоңойсо, өзү эле окутуп алат, көргөндө жакшы кабыл алдыбы?

- Жакшы эле, эси оогондой эле болду, бурулбай өзүнө окшоп турса, - деп жылмаю бар эле жүзүндө, ички сезиминде ыза турган: "Мени көргөндө кучактап өөп, кучагына кысаар, сагындым деп, адатынча шыбыраар", - деп ойлогон, ал колуна акча берип, дароо узата салаарын эсине да алган эмес.

- Гүкү, сага рахмат алтыным, кошуп койгон энчим бардай боо-боо акчаны бере салганыңда эсим ооп калбай аз жерден калдым, же рахмат дегенге жараган жокмун, - деп күлүп калды Урматкан.

- Жеңе, - деди ойлуу Гүлбү, - Сиз себеп болгонсуз, мени ал кайдан көрмөк эле, кокус ошондо барбасам башка тагдырга туш болот белем, кандай болот эле ким билет? Бирок азыркы турушуна абдан ыраазымын, Кыргызстанды башкарган адамдын аялы болуу мен үчүн сыймык болду, кабыл албай коебу деп корккомун, кабыл алмак тургай, баласына мурас катары миллион берди, атын берди, эми менин уулум Мусаевдердин тукуму! - деп Гүлбү алдыда кетип бараткан уулун күлүмсүрөй карады.

- Бирөөгө бирөө себепкер деген эмеспи, пешенең ошол да, болбосо, канча кыз жүрдү эле аерде, - Урматкан жети сегиз жыл мурун өткөн окуяны эстеп жаткандай, ойлуу айтты.

- Аныңыз чын, он чакты кыз элек, калганы аялдар, келиндер болчу.

- Ошону үчүн айтам, эми бир ылайыктуу күйөөгө чыгып алсаң…

- Жо-ок жеңе, шаарга барып жашап калсам келип тураар, үмүтүм бар, ошондой кадырлуу адамдын башын аттап кеткеним болбос.

- Туура айтасың, акылдуусуң Гүкү, ырас эле байланышып калсаң болоор, а жанагы жигиттин айтканычы, балким тынчып калаар ээ?

- Ак үйгө бара алышпайт, бийликтеги адамдын ишин аткарып, айтканын аткарчулар толо да, жеңе.

- Эң туура, биз Мусаевичти колдойбуз деп, эртең келгендерди кубалаш керек!

- Мен барбайм.

- Сен барба, бирөө болбосо бирөөсү айтып коет, мен өзүм барам дагы кыйкырам, - деп Урматкан сөзүн бүткүчө үйлөрүнө келип калышты, - Мен үйгө барайын эми, сен дагы жолдо чарчадың.

- Үйгө кирбейсизби?

- Жок, балдарыма барайын, - деди да үйүнө жөнөдү.

Жапаркул кадимкисиндей болуп, үйдөн чыкпай калган. Гүлзана базарга соода кылат, эптеп тапкандары жетпей кыйналганда, айыл өкмөтүнө кайрылып, жумуш сурады эле, ага бухгалтерлик бош экенин айтты, Жапаркул дароо макул болуп, иштей баштады. Иштегенине аз эле болгон, Урматкан өкмөткө кирип, балдарынын пособиесин билгени барган. Кеңсеге кирип баратып, бет маңдайлаша түштү.

- Ай кандайсың? - деди Урматкан көрүп эле.

- Жакшы, - деп Жапаркул аны жактырбай, өтүп кетээрде, Урматкан эки жагын карай, - Эмне учурашкың келбей калган, аялың дуба жасатып төртөөбүздү тең өлтүрмөк экен, Өмүрбек гана өлдү, ошол үчүн мени жектеп жатасыңбы? - деди маңдайына тура калып.

- Эмне деп жатасың, менин аялым жасаптырбы?

- Өлүп калаарыбызда молдолордун күчү менен аман калдык.

- Койчу, силер жасаткан дейт го?

- Эч нерсени сезбеген май баш экенсиң, Бүбү эне бизге баарын айтып берди, силерди өлүп калаарда гана жүгүрүп жүрүп жандырыптыр, төртөөбүзгө бир эле дубаны чачыптыр, ошондуктан бир эле дуба менен төртөөбүз оорудук, Өмүрбек көтөрө албаптыр…

- Ошондой экен да, - деп Жапаркул кабинетине кирди, - Мен Калима экөөңөрдү жасаган экен деп жүрсө…

- Биз андайды ойлогон да эмеспиз, душманыңдын жаныңда жатканын билип ал! - деди да өкмөттүн кабинетине кирип кетти.

Бирок Жапаркул эми эмне кылмак, баары артта калган, өткөндү козгогусу келбеди, эми дагы очогун бузмак беле, аялына гана ичи муздап: "Эн-неңди, Шайыр экөө жасаткан экен да, булардын айынан Өмүрбек өлүп калды, мындай аялдарды атып салса аздык кылат, ичи күйгөндөн ушуга барышкан тура", - деп жинденип алды. Үйүнө кеч келди эле Гүлзана:

- Эмнеге мынча кечиктиң? - деди кирээри менен.

- Иш көп.

- Иш болсо мейли, башка иш таап алган жоксуңбу?

- Эмне, дагы лөлүлөргө чуркагың келип турабы? - деп Жапаркул аны заардуу көз менен караганда, Гүлзана жалтана түштү, сөз таппай калды, - Өлүп эле тирилдим, сен үчүн аздык кылабы же өлбөй калганыма өкүнүп жүрөсүңбү?

- Эмне деп эле жатасың? - Гүлзана өңү сурдана карап калды.

- Эмне айтканымды өзүң билесиң да, же билбейт дедиң беле?!

- Жапаш, эмне дегениңе түшүнбөй деле калдым, мага десең түнөп келчи канторуңа, ансыз да балдардын кийим-кечесине жеткире албай, зээним кейип жатканда, - деп Гүлзана кайпалактай чыгып кетти.

"Муну билбейт экен десе баарын ичинде катып жүргөн тура, кайдан да сурап ийдим, шүмшүк десе, кантип билди, эми бул мени соо койбойт", - деп сары санаа болуп, үйгө кирбей сыртта жүрө берди.

- Апаңды чакыр, чай берсин, - деди Жапаркул кичүү уулуна, ал алтынчы класста окуп калган.

- Мына азыр, тамак бышканы калды, - деп үн салды Гүлзана.

- Эмне болуп калгансың?

- Башкача болуп турамбы?

- Бүгүн такыр башкача болуп турам, ооруп жаткандагы көзүмө көрүнгөндөр эми эсиме келип жатат.

- Эмне-е?

- Эмне экенин билем, ошондо сен гана көрүнүп туруп алгансың, тумандын арасынан сен көрүнүп тургансың, дагы эки аял бар болчу…

- Ал эмнеси?

- Көрсө сен ошондо жандырган экенсиң, өзүң корксоң керек?

- Кайдагыны айтпачы, жөн эле оорунун кээридир…

- Оорунун кээри эмес эле, сен жасаткансың колунда шарактаган шуру мончоктор бар эле, көрсө лөлү, анан Шайыр экөөңөр жайлаган экенсиңер…

- Койчу кайдагыны айтпай бүгүн эле көрө калгансып, тамагыңды ичип эс ал, - деп Гүлзана шыпылдай алдына тамак койду.

Жапаркул андан кийин унчуккан жок. Дегенде эмне, балдары чоңоюп калды, улуу баласы Ибрагим мектепти бүтүп жатат, андан кийинкиси сегизде, эң кичүүсү Султан алтынчы класста окуйт. Мирбеги кыздай созулган бала. Ибрагим бир аз шогураак. Турмуштун агымы аларды аз жерден эки жакка бөлүп барып, кайрадан биригип, жашоолорун уланта баштаганда эмне демек? Жумушуна барып, кайра келет. Ошол эле учурда Урматкан менен жүргөн бактылуу кездерин көп ойлоочу болду. Бирок Урматкан жакын жолотпосун жакшы түшүнөт.

Гүлзана Жапаркулдун сөзүнөн улам ар кайсыны ойлонуп, өзүнчө кыжаалат болуп Шайырга барды, анын эң улуу баласы үйлөнүп, балалуу болуп калган.

- Кел Гүлзана, кандай, балдар жакшыбы?

- Жакшы эле, бир кызыкты айтайын деп келдим сага, - деп эшик жакты карап койду.

- Кандай сөз?

- Жапаркул баарын билет экен.

- Кантип?

- Ушинтип эле, баягы дубаны жандырган кезде сени, мени менен тиги лөлүнү да көрүптүр шүмшүк, эми айтып жатпайбы:

- Кызык, анан уруштубу?

- Жо-ок, айтты да.

- Сен экөөбүздү ичинен жаман көрүп калган экен да, айрыкча мени.

- Ким билет, мурункудай эмес, аябай салкын, - деп Гүлзана курбусуна сырын айтып отурду…

***

Исабек Мусаевичтин аргасы кете баштады. Дачага келип, импорт коньяктарды алдырып алып, жанындагы солкулдап, эми жетилип келе жаткан жаш кызды тизесине отургузуп ичип, өзүнчө кайгыда. Өз эрки менен түшүп берейин деп да ойлоп кетет, бирок бийликти колунан чыгаргысы келбейт.

- Көгүчкөнүм, кайгырганымда сен гана мага жөлөк боло аласың, сен болбосоң кантээр элем билбейм, - деп ансыз дагы ачык кийинген кыздын сандарын сыйпалай өөп жатты, - Сен меники болосуң, ээ?

- Албетте, - деди тартынууну билбеген жаш кыз, - Сиз менин айтканымды аткарсаңыз эле сиздикимин, - деди кыпкызыл кылып боелгон оозун чормойто.

- Келчи, жарпымды жазчы, секетим менин! - деп көтөрүп алып спальныйга барды.

- Салон алайын деген элем, - деди жанталаша өпкүлөп жаткан Мусаевичти кучактай, жаагынан сылап.

- Сөзсүз болот.

- Германияга алып барасызбы?

- Албетте!

- Эгер түшүп калсаңызчы?

- Анда да алып кетем, байлык деген кудайга шүгүр, - деп балжууран денени апаппак кылып алдына жумуртка басып алган каздай жатып калды, көптө барып ишин бүттү да, - Асылым десе, көпөлөгүм менин…

- Көпөлөк дебей жүрүңүз.

- Эмнеге?

- Көпөлөк учуп кетет.

- Периштем.

- Периште жерде жүрбөйт, - деп кыз күлүп жатты.

- Ылаачыным.

- Ал эмне?

- Куштун жакшысы.

- Ал деле учуп кетет да, уктаңыз эми, мага жаккан сөздү айтып, эркелетикиче уктаңыз, - деп кыз анын көзүн салаалары менен жапты, - Мен дүйнөгө аты чыккан адам болгум келет.

- Сөзсүз болосуң.

- Ушактан тажадым.

- Эч тажаба, көрө албай жатышат, канча кыздар жамбашын чайкап, мага жаккысы келет, ошолордун ичинен сен гана жактың.

- Чынбы? - Ууртундагы уячасын чуңкурайта жылмайып алды.

- Чын, болбосо башка кыз болот эле го жанымда.

- Рахмат.

- Жо-ок, сага рахмат, менин көксөөмдү кандырып, суусунумду кандырган, уктатчы мени эркем, кучактачы бекем, - деп кызып алган Исабек Мусаевич көзүн сүзө уйкуга кетти.

Аны карап турган кыз: "Кызык, ушундай адамдын оюнчугуна айландым ээ. Келечегим кайда, байлык менен бийликтин күчүнө салып, имерип келе жатат, эми мен кимге керекмин, ушундан көрө жөнөкөй гана бир жигиттин кучагында жатканым жакшы эмес беле: "кан койнунда калтырагыча кул койнунда кутур", - деп бекер айткан эмес экен", - деп улутунуп алды.

Тагдырына таарынды, эң алгачкы капканга түшкөн кезин ойлоду. Анда жаңыдан чыгып, концерт койгон эле, ошондо президент өзү куттуктоо жөнөтүптүр десе, кубанычы койнуна батпай толкунданганынан жүзү албырып, рахматын айткан. Ошол күнү кечинде аны атайын бир ресторанга чакырыптыр. Ийгилигин куттуктап, келечектеги орду дүйнөлүк жылдыздардын катарында экенин айтканычы. Дал ошондо аз-аздан ичкен шампандан кызып калган кыз ажо менен болгонун эртеси билди, үндөй албады. Кайда болдуң деген ата-энесинин суроосуна курбусунун үйүндө болгонун айтып тим болгон. Ызасы таркабай жүргөндө дагы белек берип ийиптир. Ошентип өзү теңдүү жигиттер артынан жүгүрүп жүргөнүнө карабай, байлык менен бийликтин күчү менен Жантайдай адамга тең болду….

Көз жашын сыгып алып, жатып калды.

Исабек Мусаевич уктап жатып түш көрдү. Түшүндө, Манас атанын аты угулуп, аны урушуп жаткан экен: "Ээй, журт ээси калыс болот, жамандыктан алыс болот, кара кылды как жарган калыс болот! Ошондо элиңдин төбөсү дүнүйө жүзүнө белгилүү болуп көрүнөт, жериңдин даңкы алыска кетет, сен элди жарды кылдың, жерди кордоп такыр кылдың, сөзүңдөн калыстык кетти, өзүңдөн кадыр-барк кетти, чык бул үйдөн, чык! - деп ак үйдөн кубалагандай бир күч дегдеңдетип сүйрөп, алыс түрттү. Ак үйдүн алды канга боелуп жатканын көрдү, далбастап жүгүрүп келе жатса, кубалаган элдин алдында Гүлбү, анын катарында Эльвира, андан дагы колуна мынтык алып алган Нурсейит жүрөт. Жүгүрүп баратат, акактап суусап калганда, алды жакта тунук суу көрүндү, андан эңкейип, кочуштап ичмек болгондо: "Бул суудан ичкенге акың жок, сенин сууң тээтиги тосулган тордун ары жагында!" - деп дагы бир үн чыкты, дагы эле артын караса, түрүлгөн эл келе жатат, эми алардын желеги желбирейт, колдорундагы желектери абдан бийик болгондуктан, күндүн нурларына чагылышып, көтөрүп келе жаткан адамдардын кийимдери ап-пак болуп кетет, бир кезде жүгүрүп баратып эле артын караса, баягы эл жок. Сүйүнүп кетип, эс ала калмак болсо, маңдайында дөөдөй башка улуттун адамы турат: "Сен өз элиңди сатып, канга бөлөп коюп, бизге келдиңби, элине душмандык кылган сендей хан эч жерге батпайт, сага өлүм!". - деп колундагы айбалтаны көтөргөндө, бакырып ойгонду. Жанында жаткан кыз туруп кетиптир, жүрөгү лакылдап: "Ээ кудай, бул эмне деген сырың, деги ушул толкун өтүп кетсе, тынч жашап калат элем", - деп жүзүн сыйпалай ордунан турду.

Аңгыча жуунуп, селкиси кирди, эркелей карап. Көзүн сүзө:

- Кандай эс алдыңыз? - деп койду.

- Эң сонун, жанымдан кетпечи жарыгым.

- Жумуш чачтан көп, ыр жаздырыш керек.

- Шашпа, жүрөк сезет негедир бир нерсени, келчи жаным, баарын унутуп, уйкуга киреличи.

- Уктаганга убакыт келет, түбөлүк уйку келгенче тирүүлүк берген ырыскыдан карманып калыш керек!

- Туура-а, мен да ошенткемин, убакыт менен бирге жарыштым, озом дедим, бирок дос менен бирге душман күттүм, бир табактан аш ичтим, ошентип, кайра өзүмө душман болду. Демек, ошол атаандаштарым артымдан куугун жөнөтүп, ири алдында келе жатышат.

- Кимдер?

- Досторум-душмандарым…

- Аларга эмне керек?

- Кресло керек, бийлик керек, ар кимиси өз-өзүнчө бийликке жеткиси келишет.

- Кызык экен.

- Кызыгы биякта калсын, дал ошолор мени көтөрүшкөн, чогуу дуулаганбыз, бири-бирибизди куттуктап, бийликти кулатканыбызга мактанганбыз, эми ошолор мени кулатканы турушат… - Исабек Мусаевич оор күрсүнүп алды, - Эми бири келсе, аны дагы кулатканга шашышат…

- Эми эмне кыласыз?

- Күтөм, элдин пейилине карап көрөм, толкун катуу болсо, качканга туура келет, мени менен кетесиңби жаным?

- Эмнеге?

- Германияга кирип кетебиз, сени ошол жактан окутам.

- Ата-энем эмне дейт?

- Сүйлөшүп турасың.

- Көрөм го, кеттикпи эми?

- Макул, кетсе кеттик, кабинетке барайын, кандай шыбыштар бар экенин билейин, иштер көп, коргоо министрин Таласка жөнөтүш керек, - деди да эркелетип, өөп алып, сыртка чыгышты.

Ак үйгө кирип, ордуна келээри менен телефон чырылдады.

- Алоо, угуп жатам.

- Исабек Мусаевич, элдин түрү жаман, эч кимибизди чыгарбай жатат, эмне кылалы, баштай берелиби?

- Коркутуп асманга аткыла, такыр болбосо, бир-эки адамды атып ийгиле, андан элдин саны азайып кетмек беле?

- Жарайт, - деди да трубканы коюп койду.

Андан кийин өзү чалды.

- Ало, Бердибеков бар бекен? Аа кандай ал акыбалдар, иштер кандай, иштер жайындабы? Андай болсо сүр көрсөткүлө, бирди жарымды атып бут-сутуна тийгизип койсоңор коркуп калат, топтолгон элди ошентип качырып тоскоолдук кылгыла! Болуптур анда, жакшылап туруштук берип, элди таратууга аракет кылгыла. Кандай күчөйт? Күчөтпөгүлө дебедим беле, бергиле, чачкыла болгон акчаны, өз кардыңарга тыкпай! - деди да трубканы коюп койгондон кийин кабинетинде ары-бери басып, жинденип жатты.

- Исабек Мусаевич, сизге киши келди.

- Ким экен?

- Ыссык-Көлдөн, Бектемиров.

- Кирсин.

- Жарайт, - деп жардамчысы анын жүзүнөн эле алдастай баштаганын сезди, ашыкча сөз айтууга жарабай чыгып кетти.

- Уруксат бекен аксакал?

- Кир, кандай иштериңер, эл тынчтандыбы?

- Жок аксакал элдин түрү жаман, чыгып сүйлөгөн адамды да таш бараңга алып жатат, сизге жолугуп келүүгө түндөп качып чыктым, алаксытканга болбой турган, - деди Бектемиров күнөөлүүдөй.

- Бербейсиңерби акчадан, чачкыла баарын, эң алды баш көтөрүп, такылдагандарын тыйып, оозун басып койсоңор эле тыйылбайбы?

- Эч нерсеге карабай калды, акыбал начар!

- Бар, бир чарасын көргүлө, Эгембердиге айт, банктан акча алсын, кекиртегине тыгып болсо да баш көтөрүп асмандан сүйлөгөндөрүн тыйганга аракет кылгыла, менин алдыма эл тынчыбай жатат деп бириң келбегиле!

- Жарайт аксакал, жарайт, кеттим анда, - деди да Бектемиров бүжүрөй чыгып кетти.

- Акмактар! - деп алды Исабек Мусаевич, - Акмактар: "жугундуга тойгон ит ээсин кабат", - дегендей болушту… - Жинденген бойдон көпкө отурду, андан кийин телефон чыр этсе да албады, ордунан турбады, ойлонуп көпкө отурду да: "Жаман айтпай жакшы жок дегендей эл толкуса жаман болчу эле, качпайм дедим эле, арга жок, баш калкалаш керек", - деп ордунан чечкиндүү турду. Саатын карады, али эрте, бир аз аркы-терки басып туруп, анан кабинеттен чыкты: "Жок дегенде, өз канымдан жаралган бир тукумду ала кетишим керек, Николай өлтүрдү мени, энесинин канына тартып калды, баарынан кечтим, Тазабекке чалайын", - деп чөнтөк телефонун алып тере баштады.

- Ало, Тазабек, акыбал кандай?

- Жаман, Мусаевдердин атын укканга кулагы жок элдин, жанагы Николай элдин баарын күчөтүп кетти го?

- Кандай болсо да бала-чаканы шаардан чыгарып кеткиле, андан аркысын көрө жатаарбыз, банктагы акчаны өзүң толугу менен ал, экөөбүз Казакстандан жолугабыз.

- Жарайт өзүңө сак бол, эртеңден шаарга эл келип калат го, ак үйдө болбо!

- Болуптур, сен баарын бөлүп, бөлүп Кыргызстандан чыгарып, кетүүгө аракет кыл.

- Сүйлөштүк.

- Сак болгула, - деди да телефонун өчүрүп, эс ала түштү.

Эси оогондой шопуруна буйрук бергенди унуткан экен:

- Аксакал кайда айдайын? - деди ал.

- Дачага, Аксейилди анан келип алып бар!

- Жарайт аксакал, - деди да Манас көчөсү менен зымырата айдап, кетип жатты.

Түнү бою ичип жатты, чөнтөк телефону да тынбады, эртеси ак үйдүн алдында эл болоорун айтып жатышты. Ого бетер чөгүп ичип жатты. Бул кезде, баарын угуп, билип турган Николай мурдатан дайындаган снайперлерди ак үйдүн үстүнө түндөп чыгарып, ар бирине тапшырма берип катып койду. Эртең мененки саат тогуздар чамасы, 2010-жылдын 7-апрели. Күтүрөгөн эл, алдыда партиянын өкүлдөрү, жаш жигиттер, демократмын деп төш каккан эр жигиттер.

- Чык Мусаев, чык ак үйдөн!

- Сыйың менен кет!

- Өмүркулов чыккыла, чыккыла ак үйдөн, бошоткула орунду.

- Жашасын жаштар партиясы! - деген ураандар, партиянын урааны жазылган лозунгдар… Ак үйдөн эч ким чыкпады, солдаттарды катар тизип койгон, колдорунда автоматтар. Түрүлгөн э лак үйгө жакындатпай тоскон коргоочуларды таш менен уруп кубалап ийишти. Коргоочулардын көбү милиция формаларын чечип элге кошулушту. Эл күчөгөндөн күчөп:

- Мусаевич, сыйың менен чык!

- Саткын, чык эшикке!

- Өмүркулов чык! - деген үндөр чуулдап жатышты, бир кезде жигиттердин бири, темир тоскучтан кирип кеткенде, жабылып артынан кирип баратканда, төбөдөн үн чыгып, бир жигит жалп этип жерге кулады. Ызы-чуу түшүп, аны башкалар көтөрүп жөнөштү, ага да болбой жабылып киргенде, дагы үчөө-төртөө кулады. Эл сүрүлүп, ак үйдөн алыстабай кайра жакындады, аңгыча тез жардамдын, өрт өчүргүчтүн машиналары келип калды. Сулаган боз баш балдар, сурайылдай суналган жаш жигиттерди тез жардам менен ооруканага алып кетип жатышты.

- Мусаевге өлүм!

- Өмүркуловго өлүм!

- Чыккыла!

- Бошоткула ак үйдү, Мусаевге наалат, каргыш!

- Жашасын жаштар партиясы! - деп уу-дуу басылбай, ан сайын ак үйгө жүткүнүшөт, бир кезде өрттү өчүргүч машинаны жарып ийишти, жолдон өткөн машиналарды аңтарып салып, кыжырланган эл, автобусту да өрттөштү. Аттиң, эмеле эрдемсип, эч нерседен капарсыз ак үйдү алуу үчүн келген жигиттердин гүлүстөн кетээрин ким билди? Кээси оор жаракат алып, кээси ошол эле жерден мүрт кетип, жансыз денелери моргдон орун алып, оо дүйнөнүн эшигин каккылап жатышты. Эгерде, эл атасы калыс болсо, өз элине ок атылмакпы, эне сүтү оозунан кете элек жаш балдар, атасын жоктоп ыйлап жетим, гүлгүндөй жаш келиндер, жаш кыздар күйөөсүн жоктоп, башына каран түн түшүп, боздоп жесир болмокпу? Ак сакалын жайкалткан ата, аппак чачын сеңселткен энелер, уулдарын жоктоп, боздоп, чачын жулуп турмакпы??? Ошентип гүлгүндөй жаштар өз жандарын кыйып, чаң тополоң түшүп, ак үйгө киришти, эч ким жок, жер сыйпалагандай ээн турду томсоруп. Сыртында кан күйгөн согуш болуп өткөндөй, буруксуган өрттүн жыты каңылжаарды жарып турду…

Исабек Мусаевич тууган-уругу менен бул учурда жашыруун жерде бекинип жатты, эч качан өз эрки менен бербесин, дагы эле бийликтин башында экенин айтып, кан төгүлгөнүнө кейип койбой, моюн бербей жатты. Акыры кызматтан кеткенге кол коюп, түндөп зуу койду да жоголду.

Гүлбү адегенде, телевизордон көрүп алып, чоочуп кетти, баягы биринчи жолу көргөн ак үйдү тегеректеген эл, атышкандар, улам журналисттердин коментарийлеп жатканы анын эсин оодарды, ал эндиреп отурганда Урматкан келди.

- Гүкү, көрдүңбү ыя?

- Көрдүм, эмне болот эми?

- Билбейм, өзү ошондой жаман киши тура, анын эмнесине кейийсиң, балаң маңдайыңда болсо, болду да, чынында жеп-ичип, Кыргызстанды жарды кылган ошол экен да, эми көрсүн шүмшүк, башка өлкөдө жыргаганды.

- Жеңе, менин баламды ала качабы, корком жеңе, качып жүргөн неме түндөп келип баламды алып, кетип калабы деп ойлоп кетип жатам.

- Келбейт, өзүнүн айласын таппай калды, баланы ойломок беле, жай кезинде сурабаган неме, коркпой эле кой, андан көрө элдин убалы ошону оңдурабы? - деп шыпшынып жатты Урматкан.

- Кыйын болду ээ жеңе, эмнеге атууга буйрук берди экен?

- Бийликти жакшы көрөт тура, кеткиси келбей элди коркутам деген го, канчалаган жаш балдардын убалы уктатпайт.

- Койчу жеңе, анча эмне каргадыңыз?

- Ошонусу жакшыбы, элди-жерди курутуп, жөн кетпей адамдарды өлтүртүп кетти, кан соо койбойт.

- А Көмүрбаева эле жыргатат дейсизби?

- Ой аның деле жегичтердин бири да, жанталашып жатып ортодо бечаралардын убалына калып жатат да.

- Анан Кыргызстан атасы жок баладай, койчусу жок ээн калган койдой болуп калат го? - деп Гүлбү кабатырлана сүйлөдү.

- Ансыз деле өкмөт эмне элди багып жатабы, өз арабасын өзү сүйрөп калбадыбы, өлкө деген эле аты болбосо.

- Туура, жаман эле болду, аял кайдан оңдосун, тай туйлап такка конобу? дегендей, ал дагы жеп, ичип алып изин суутат да, - деп экөө көпкө сүйлөшүп отурушту…

Ата-Бейит көрүстөнү. Жыйылган эл, күлгүндөй жаш кеткен, бей ажал өлүм тапкан момундарды алып келишти, ыйлабаган жан жок, эл башындагылар, эл үчүн күйүп жангандар трибунага чыгып бирден сүйлөп, үндөрү кардыга, өлгөндөрдүн туугандарына, ата-энесине кайрат айтып жатышты. Үстүнө өлкөнүн туусунун герби түшүрүлгөн кызыл маталар жабылган табыптарды катар коюп, бирден жан күйөөрлөрүн сүйлөшүп, "баатырларча курман болду", - деп жерге берип жатышты. Аялдары жесир, балдары жетим, ата-энеси боздоп, кала беришти. Кырк биринчи жылдагы согушта Чолпонбай дзотко төшүн тоссо, 2010-жылы дагы бир Чолпонбай окко маңдайын тосту. Элдин жыргалчылыгы, эркиндиги үчүн курман болду. Кылкылдаган эл көз жашын төгүп турду, жүрөгү ооруп: "Жаннаттан жай берсин, топурагыңар торко болсун", - деп ыйлап турду…

Гүлбү ошондон кийин Исабектен үмүтүн үздү, уулун жакшы тарбиялап өстүрүүгө, жашоосун эл катары өткөрүүгө бел байлады. Көп өтпөй шаарга жөнөдү. Келээри менен эки бөлмөлүү үй алды да, үй ичин толтуруп жашап калды. Атасынан мал саттырып келип, шопурдун окуусуна кирди. Күндө уулун ээрчитип алып, ак үйдүн жанындагы көрүстөнгө, мазарга айланган жерге барып, гүл койчу болду, баласынын атасы үчүн, укум-тукумуна доо кетсе да, балама жолобосо экен деп, маркумдардын элесинен кечирим сурайт. Ойлуу кыдырып жүрүп, үйүнө келет. Ар кайсыны ойлоп чөгүп бараткансыды. Бир күнү уулун жетелеп келе жатса алдынан бир жигит чыга калды, алдын тоскон адамды баш көтөрө караса, бир кездеги өзүн таштап кеткен жигит.

- Кандайсың Гүлбү?

- Жакшы, өзүң кандайсың?

- Жакшы, качан келдиң биерге?

- Жакында эле.

- Уулуңбу? - Нурсейитти карап сурады.

- Ооба.

- Азамат, атың ким? - деп колун суна бетинен өөп койду.

- Нурсейит.

- Жакшы атың бар экен, азамат жигит тура.

- Өзүң балалуу болдуңбу?

- Жок, бойдок болсом кайдан? - Күлүп койду.

- Эрте үйлөндү деп укпадым беле?

- Үйлөнгөм, бирок отубуз күйүшпөй калды.

- Жаман болуптур, биз кетели анда, - деп Гүлбү баласын колдон алды, - Жакшы кал…

- Гүлбү, азыр кайда турасың?

- Шаарда.

- Каерде?

- Жалда.

- Аа-а жакшы, канчанчы дом?

- Отуз экиде.

- Жакын турбайбызбы, мен дагы ошол домдомун, канчанчы квартира? - Гүлжигит кубангандай суроолуу карады.

- Биринчи подъезд, тогузунчу квартира.

- Мен экинчи подъезддемин, жакшы болду, коңшу турат экенбиз, жолугабыз анда, - деп жөнөп кетти.

Гүлбү унаа токтоочу аялдамага келип, бир аз туруп, түшүп кетип калышты. Ал негедир ойлуу, Гүлжигитти ойлоп жатты. Турмуштун оорчулугун анча тартпаса да тагдырдын тамашалуу оюнуна туш келип, өз каалаганындай жүрө албаганына, өз жүрөгү тандаганга кошулбаганына өкүнгөн келин Гүлжигитти ойлонуп: "Эмнеге бойдок, оту күйүшпөсө, демек, өзү сүйүп кошулган эмес, ошондуктан ажырашып кеткен, он жылдай өтүп кетти, эмдигиче үйлөнбөгөнүн кара", - деп ойлонуп, өзүнчө жылмайып алды. Уулу экөө тамак ичип болуп, анан телевизор көрүп, отуруп калган. Эшик тык-тык эткенинен:

- Ким? - деп эшикке жетип барды.

- Мен эле, Гүлбү, - деген Гүлжигиттин үнү угулду.

- Караңгыда кайдан? - Эшигин ача салып, суроо узатты.

- Ушундай эле, зериккенимен келип калдым.

- Кир, - деп көңүлсүз, эшигин чоң ача үйгө киргизди.

- Ох-хо, жашооң жакшы го Гүлбү, ханга салам бербегендей экенсиң, - деп Гүлжигит Гүлбүгө бурулуп, жылмайып койду.

- Шүгүр…

- Жактырбадыңбы?

- Күйөөсү жок аялга түндөп эркек келсе…

- Койчу эми, биздин бири-бирибизге деген сүйүүбүз бар го?

- Ал сүйүү эбак өчкөн.

- Менин сага деген сүйүүм өчө элек. Макул эми, ачууланбачы, жок дегенде, суу менен сыйлаарсың?

- Сыйлоо жакшы, бирок жүрөктү муздаткан жаман.

- Алигиче таарынчың жазыла элек экен, ошондо эрк өзүмдө эмес эле, аны өзүң деле билесиң да…

- Түшүнөм, бирок жүрөктөгү ызамды кантем?

- Мен сени гана сүйөм, ошондуктан, аял алган атым болбосо, аны сендей сүйө албай, ажырашып кетпедимби…

- Бекер кылгансың, тагдырыңа баш ийишиң керек эле…

- Анте албадым, атамдарга өчөшүп үйлөнгөмүн, бирок жашай албадык, эки ай гана жашадым, кайра сага барып алып баса берейин деп, кабыл албай коебу деп баралбадым.

- Мейли эми, ал өткөн иш, чай ич, - деп Гүлбү анын алдына чай койду, тамак алып келди, - Өткөн ишке өкүнгөндө эмне, баары өттү баштан, кудайдын буйруганын көрөбүз да…

- Ошол экен да Гүлбү, ошондон бери сага окшошту издедим, кадимки сени издедим, окшоштура албадым, кийин сенин турмушка чыкканыңды, болгондо да…

- Токто, сүйлөбө андан ары!

- Неге, менин да жүрөгүмдө толгон арман бар…

- Мен сени арманга салдымбы?

- Сен үчүн өзүмдү-өзүм баарына кайыл болуп, сен кубаласаң да барып, сүйлөшөйүн деп бел байлап барсам…

- Жок, аны айтпа, мен ошого аргасыз болдум, жүрөктү эзген өкүнүч - арман кайнап турган учурда эмне кылып жатканымды өзүм дагы билбедим, кайыл болдум, мени сүйүп, мени кадырлаган адамга макул болдум, Сен ошондо кайда элең, сен ошондо эмне кылып жүрдүң эле?!

- Менби? Мен дагы койнумдагы аялды сага окшото албай арманда жүргөмүн, ал деле сага окшогон сулуу келин, нарындык эле, көз жашын көлдөтүп туруп үйдөн чыгып кетти, унчукпадым, анын кеткени жакшы деп ойлодум… - Экөө эки жерде, башын жерге салып отурушту.

- Апа, - Нурсейит келип Гүлбүнү түрткүлөдү.

- Эмне болду, уулум?

- Жаткым келип жатат.

- Диванга жата бер.

- Сизчи?

- Мен азыр, сен уктай бер, - деп Гүлбү уулун өөп, барып жаткырып келди.

Анан кайра келип отурду, - Тамактан ичсең боло, - деди Гүлжигитке карай.

- Ичтим Гүлбү, сени көрүп эле тоюп калдым.

- Биз эми бүтпөдүкпү Гүлжигит, мен баламды өстүрүшүм керек, тарбиялашым керек, сенин жолуң башка, менин жолум башка, - деп улутунган Гүлбү жер караганда Гүлжигит анын жанына келип, ээгинен өйдө кылды.

- Биздин жолубуз бир бөлүнгөн, эми кайрадан биригет, мен сени кое бербейм, эми сен меники болосуң! - деди жүзүнөн аста өөп.

- Жо-ок Гүлжигит, менин балам бар, аны мен өзүм тарбиялашым керек, уулумду окутуп, адам кылышым керек.

- Экөөбүз тарбиялайбыз, мен өз баламдай көрөм Гүкү, сенин гана бир ооз сөзүң керек, жолугалбай араң жүргөнмүн, ушу күндөн баштап сени өзүм карайм, үйдү алып койгомун, жашообуз ойдогудай жашайбыз, убада берем Гүкү…

- Болбойт, ата-энең мени билет, кабыл албайт, дагы жүрөгүмдү оорутуп жүргөнчө тынч эле жашаганым жакшы, Гүлжигит.

- Эч нерсе дебейт, мен аларга эбак айткамын, менин жашоомо кийлигишпейт, андан көрө сенин гана макулдугуң керек, - деп Гүлбүнү колтугуна кысып, чачынан сылады, - Бизди тагдыр бөлдү, кайра табыштырды, жашоодо баары болот экен Гүкү, мейли азыр эле жооп бер дебейм, эки-үч күн сүйлөшөлү. Сен мени билесиң, мен сени билем, өмүр кыска, жашоо кызык Гүкү, кызык өмүрдү көңүлдөгүдөй өткөрүшүбүз керек.

- Көп сүйлөдүң Гүлжигит, менин жүрөгүм үшүгөн кайыңдай, үшүк алган жарадай, мен аларга жакпайм. Атамды убагында адам катары көрүшкөн эмес, теңине албаган адам менен кантип бири-бирине куда болмок эле…

- Мен сага убада берем, алар эч качан антпейт, өзүм сүйлөшүп койгомун, эми мен алсам Гүлбүнү гана алам, болбосо үйлөнбөйм десем макул болушкан, ишенчи мага? - Гүлжигит жалдырап, тизесинен кармап алып көздөрүнө тигилди, - Айтчы Гүкү, макул болосуңбу?

- Ойлоноюнчу…

- Макул, ойлонсоң ойлон алтыным, бирок жок дебе…

- Көрөбүз, сени го билем, бирок жашоонун алдыда кандай жаңылыгы бар экенин биз билбейбиз, тагдыр бизге эмне деген белегин даярдап турганын кайдан билебиз, - деп жылмайганда Гүлжигит колунан өөп:

- Гүкү, мени кечир, убагында алсыз болдум, балким жаштыгымдыр, же жамандыгымдыр. Ата-энемдин айтканына тоскоолдук кыла албадым, миң мертебе кечирим сурап, алдыңа жыгылайын, - деп тизелей калып, колдорунан өөп, - Мен сени төбөмө көтөрүп багам, колуңду муздак сууга салдырбайм.

- Ойлоноюн эми, үйүңө бар, балам дагы капаланат, - деп жылмайып койду эле, Гүлжигит кубанып кетти.

- Алтыным десе, өмүр бою күт десең да күтөм, болгону макул болсоң болду, анда мен барайын. Эртең менен ойготуп, кечинде ойнотуп турам, кандай дейсиң?

- Болуптур, эми жакшы бар!

- Жакшы жат алтышка.

- Жакшы бар… - Гүлбү көзү жалжылдай, күйгөн оттой жалтылдап, анын артынан карап туруп калды.

Ойлуу эшигин жаап, ичкери кирип алып баласынын жанына келип кыңкайды. Өткөндү эстеп, көзү илинбей көпкө жатты:

Жаңы мектепти бүтүп жаткан, ошол күнү, ал экөө жолугушуп, Гүлжигит экөө, кол кармашып турган:

- Гүкү - деди Гүлжигит, мени сүйөсүңбү?

- Сенчи? - Гүлбү ага кыйгай карап, көзүн ылдый кылды.

- Мен сени сүйөм, жанымдан да артык сүйөм, бүгүн барып ата-энеме сага үйлөнөөрүмдү айтам.

- Эмнеге, окууга барбай элеби, сен аскерге барып кел адегенде.

- Жо-ок ага чейин сени жоготуп алам. Үйгө алпарып коюп, анан кетем аскерге.

- Ай-ий, бат эле үйлөнүп алабызбы?

- Сөзсүз үйлөнөбүз, эгер сен мени чындап сүйсөң, айтчы мени сен сүйөсүңбү?

- Сүйөм!

- Чынбы?

- Ооба, чын эле.

- Анда мен сени эртең эле үйгө алып кетем, - деп жигит кызды көтөрүп алып, айлантып жатты, - Чын эле сүйөсүңбү, айтчы чыныңды?

- Чын эле…

- Чын элеби, мен дагы сени жанымдан артык сүйөм!

- Калп, ошого ишенип калдыңбы? - Гүлбү кыркаар өскөн жийдени аралай качып жөнөдү, - Калп-калп, сени мен алдап койдум, - деп каткырып, саамайлары жүзүнө төгүлө, улам бир жийденин түбүнөн көрүнүп, качып жүрдү.

- Сени жетсем өлтүрөм, кана алдаганыңды көрөйүн, - деп Гүлжигит анын артынан жүгүрүп, качып бараткан кызга жете албай, жыгылып калды:

- Гүлжигит! - Кыздын үнү таптакыр башкача чыкты. Эч нерсеге карабай жетип келип, - Гүлжигит, калп айткан жокмун, мен сени сүйөм, ошого таарындыңбы, бир жериң ооруп калган жокпу, турчу Гүлжигит. Мен сени гана сүйөм, көзүңдү ачсаң, - деп жаагынан сылап, акырын чапкылап жатканда, көзүн ача калып, кызды кучактай жийде түбүндө оонап:

- Кана, мени алдадыңбы, айт ачыгыңды! - деп көпкө чейин чалкасынан түшүп, жийденин ап-аппак гүлдөрүн карап жатышкан эле.

Бул алардын эң акыркы жолугушуусу болчу. Гүлжигит элеп-желеп боло, үйүнө барып, ата-энесине айтты. Анда атасы уулуна:

- Ошол Турдубек ичкичтин кызынан башканы таппай калдыңбы, толуп жатат кыздар, мен сага Асылбектин кызын алып берем, оозуңду бас да, ошону аласың, - деди так кесер сүйлөп.

- Ата, атасы ичсе эле, кызы эмне экен, мен аны жакшы көрөм, сөзүбүз бүтүп калган.

- Энеси жок кыз ээнбаш дегендей, уулум сен аны жакшы көрөсүңбү же байлана турган бирдемең барбы? - деди атасы уулун сынай карап.

Энеси да каршы болуп туруп алды. Ошондон бир жума өтүп-өтпөй эле Гүлжигитти шаарга жөнөтүп ийишкен. Гүлбү Гүлжигитти үйлөндү деп угуп аябай ыйлады, ызаланды, бирок убакыт аны сооротуп, көп өтпөй эле Исабек Мусаевич менен тааныштырып, аны турмуштун бүдөмүк жолуна салган. Ичтен ирип, эчен ирээт сүйгөн адамы жөнүндө айткысы келсе да айталбай жүрө берди…

Гүлбү ушуларды ойлонуп отуруп уктап кетти. Уктап жаткан уулун жүзүнөн өөп, чачынан сылап коюп, Гүлжигиттин жаш кезин эстеди: "Өтө шашма эле, ата-энени сыйлагандарды мен дагы сыйлайм, балким Гүлжигит экөөбүз бактылуу болоорбуз", - деп ойлонуп жатып, таңдын атып кеткенин сезбептир, бир аз эле көзү илинди. Эртеси, ал жарнама аркылуу окутуучунун номерине чалды, ал машина алмак болуп жаткан. Бир ай окуп, права алды, машина алаар күнү Гүлжигитти ээрчитип барды. Тандап жүрүп жаңы чыккан машинаны алмак болду. Анын машина алып, айдоочулук курска окуп жатканына Гүлжигит намыстанган жок, ал тургай кубанып, билбегенин билдирип, жанында жүрдү…

Кара кийип кан жуткан өлкө эл башына күн түшкөндө аялзатынан төрайым коюлду. Карайлаган калктын үмүтү эми ошол аялда болуп, турмушу оңолуп, бейкутчулук орноочудай күнү-түнү телевизорду тиктеп, өлкөдөгү жаңылыктардан куру калбай кулак түрүшөт. Ак үйдүн тегереги мазарга айланып, элдин, тууган-уругунун койгон гүлдөрү текче болуп, бейажал кеткен жаш баатырлардын сүрөттөрү гүлмүңдөп элди тиктеп: "Биз элдин жыргалчылыгы үчүн өз жаныбызды аяган жокпуз, биз баскан жолду, кыргызым эми кайталабасын", - дегендей карашат. Темир тосмонун сүрөт илинген катарында: "Өмүркуловго өлүм", "Мусаевичке өлүм", - деген сөздөр жазылып илинген. Элдин канын кайнаткан, жеп ичкен жексурларды колуна тийсе, эки чайнап, бир жуткудай абалда турган эл, бул мазарга айланган ак үйдүн айланасынан кетпей турду, куран окуп, тутам гүлүн коюп, жаннаттан жай беришин тилешти.

Гүлбү дагы гүл коюп, маркумдардын сүрөттөрүн ойлуу карап турган. Жанына бир келин келип калды, ал жакында эле бир тууганын жоготкон, ал ошол катарда илинип турган сүрөттү тиктеп, көзүнүн жашы жүзү ылдый куюлуп турган. - Эл башына жаман күн түштү ээ эже, мен дагы күндө келем, мөлтүрөгөн балдардын сүрөтүн карап, зээним кейийт, - деп, кеп баштады Гүлбү.

- Кантейин, тиги турган менин кара чечекейим эле, ушинтип азапка салып, арманда кете берди, - деп буркурап ийди тиги келин.

- Эже, кечирип коюңуз, мен келип, гүл коюп кеткендерден экен деп эле айта салбадымбы, - Гүлбү ыңгайсыздана карады, анын көздөрүндө да жаш турган.

- Эчтеке эмес сиңдим, мен Асылбашта турам, эми күндө бир келип турам, атым Асылкан, ушул жерден инимди тирүү көрчүдөй болом, негедир тирүү эле жүргөндөй сезилет, ушул жерге каны төгүлдү, так маңдайга ок жеп, мүрт кетиптир садагам, аялы үйдөн чыкпай күйүп, эки баласы менен жесир калды, кудай гана бардыр ээ Мусаевге, ылайым өлүгү талаада калсын! - деди үшкүрүнө.

- Элдин каргышы оңдурбайттыр… - Гүлбү мууну титирей зорго үн чыгарды.

- Ошол курусун ылайым, укум-тукумуна жетсин каргыш, жакшылык көрбөй тентиреп, бала-чакасы эл-жерден безип жүрүп өтсүн!

- Кайгырбаңыз эже, кудай кубат берсин, - деген Гүлбү колунан жетелеген уулун карап алды да, - Жакшы жүрүңүз эже, аман жүрүңүз, - деди да басып кетти:

"Укум-тукум", - деген сөз ага катуу тийип, жүрөгүнө ийне сайылгандай болчу болду. Ичинен кудайдан кечирим сурап, жалынып-жалбарып баратты. Үйүнө келгенден кийин тамак жасап, куран окуду, сегизинчи класста окуп жатканда апасы өлүп, куранды үйрөнүп алган эле. Куран окугандан кийин көпкө чейин баласы үчүн кечирим сурап жатты. Эшик тыкылдап, ошол кезде Гүлжигит келди.

- Кандай Гүкү?

- Жакшы.

- Эмне көңүлүң чөгүңкү?

- Жөн эле.

- Бир нерсени ойлонбой жүрчү, жүрү концертке барып келели, билет алып койдум.

- Баргым жок.

- Койчу эми, билет алып койбодум беле, барып келели.

- Макул, тамак ичип ал, анан чыгалы.

- Кел анда, уулум, концерт көрөсүңбү?

- Кимдин концерти экен?

- Жаш ырчылардыкы.

- Чыңгыз Мырзаев бар бекен? - Нурсейит такылдай сурады, ал Гүлжигитке көнө баштаган.

- Ал сөзсүз да, алып баруучусу ошол го?

- Оой эсть, барам анда! - деп кубанып алды Нурсейит.

- Кана эмесе кеттикпи? - деди Гүлбү.

Үчөө ээрчише көчөгө чыгышты. Аялдаманы көздөй баратканда Нурсейит апасына:

- Машинаны качан алабыз, апа? - деди.

- Үйрөнөйүн.

- Айдай албайсыңбы?

- Жакшы эмес.

- Ии-ий да, - деп койду бала.

Аялдамага барып, Гүлжигит экөө унаа күтүп турганда Гүлжигит мурунку аялын көрүп калды, ал Эльвира болчу. Тескери карап калганда, үч-төрт жашар баласын жетелей, Гүлжигиттин жанына келди.

- Кандайсың, Гүлжигит?

- Аа-а жакшы, өзүң кандайсың? - Гүлжигит Гүлбүнү бир карап коюп, жерди тиктеп калды.

- Үйлөндүңбү, Гүлжигит?

- Ооба, а-аа жок-жок.

- Мен дагы турмушка чыга элекмин. Сени жолукканы издеп жүрөт деп Майсал айтты эле.

- Качан?

- Көп болду, үйүңдү билбейт экенмин.

- Билгенде эмне, мен жакында үйлөнөм, өзүң балалуу болуп калган турбайсыңбы?

- Бул сенин балаң, эмне, билбей калдыңбы? - Эльвира атайын эле ага тийише сүйлөдү.

Баланы бир карап, кайра Нурсейитти караган Гүлжигит кызыктай акыбалда калды, балдар коендой окшош болчу, Гүлбү дагы байкады, бирок таңгалып: "Ушунча окшоштук болот экен да, бул башка, тигил башка болсо, кантип? Жөн эле окшоштук го?", - деп уулун жетелей, ары басып кетти.

- Эмне-е, эмне деп башты оорутуп жатасың?

- Эмнеге башың ооруйт, сенин балаң бар экенин унутпа, мен кеттим, эстесең өзүң табаарсың, - деп Эльвира басып кетти.

Гүлжигит ыңгайсыздана Гүлбүнүн жанына жетип келген унаага, Нурсейиттин колунан ала түшүп кетишти. Гүлбү унчуккан жок, тек концертке кирип, орун алышты. Ал күнү Гүлжигиттен эч нерсе сураган жок, үйүнө келгенден кийин Гүлжигит үйүнө кетти. Гүлбү дагы эле окшоштукту ойлоп, башы ооруп чыкты. Төрт-беш жашар бала менен сегиз жашар уулунун ортосунда, бир жакындык бар экенин сезди. Анын үйүнө эртеси Урматкан келиптир, айылдагы үй-жайын бүт сатып, шаардан үй алмак. Ошентип, ал дагы шаарга келди, Темирдин бошонооруна алты ай калды. Замири Урматкан баса бергенден кийин айылга барып, апасын таппай калды. Ал Казакстанга барып иштеп келген. Тапканын алып, апасын издеп түрмөдөгү агасына жолукканы барды. Андан дарегин алган соң таап, баягы жесир катын жаш бала дегендей үйбүлө минтип жашоолору оңолуп, бактылуу жашоонун нугуна түштү. Кыздары менен Дамир да чоңоюп калышкан. Кез-кез Урматкан менен Гүлбү жолугуп, сүйлөшүп калышат. Гүлжигитти ага айтканда жакшы оюн айтып, жигитти көрмөк болду. Буйруса үйлөнөбүз деген Гүлжигит даярданып жатты. Ошентип, Гүлбүнүн тагдыры өзү ойлоп чечкендей болду, Урматкан балдарынан көөнү тынып, жашоого бет алды.

Аягы

Поделиться

Башкы баракчага отуу учун картинканы басыныз